Жаңылыктар

Самсак Станалиевдин романы Түркияда жарык көрдү

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов тууралуу «Чагылгандын көз жашы»аттуу романы түрк тилине которулуп, Түркияда жарык көрдү. Романды басып чыгарууну Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешисунуштап, чыгарма Түрк тили коому тарабынан Анкарадан басылып чыкты. https://emagaza-tdk.ayk.gov.tr/product/default/2726/%C5%9E%C4%B0M%C5%9EE%C4%9E%C4%B0N_G%C3%96ZYA%C5%9ELARI/

Романды түрк тилине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, жазуучу Мухиттин Гүмүш которгон. «Касым Тыныстандын бул чыгармасы менен мен 20-кылымдын биринчи жарымында кыргыз боордошторубуз чеккен азабын жон терим менен туюп, ичим эңшерилип котордум. Самсак Станалиев ал мезгилди өз көзү менен көргөндөймайда-чүйдөсүнө чейин жазганына таң калдым. Бул тууралуу жазуучунун карындашы Гүлзада Станалиевадан сурадым. Ал агасынын Тыныстановдун жубайы Турдубүбү апа менен эне-баладай мамиледе болгонун, кыргыздын чыгаан инсанынын тагдырын ичинен абдан жакшы билгенин айтты. Муну укканда мага баары түшүнүктүү болду», – дейт котормочу Мухиттин Гүмүш.https://ucuncusayfahaber.com.tr/haber/muhittin_gumusten_yeni_eser_simsegin_gozyasi_-25059.html?fbclid=IwY2xjawLg1l1leHRuA2FlbQIxMQABHp3D-qQVvT8AOhJXrD79EuEetoAKdQqIutkS4EB8Hs2wsItzubVNO3OslibA_aem_9G5PO0SZdoDuyTbOI16_SA

Аталган роман 2022-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаарында өткөн “Тилде, пикирде жана иште биримдик: Түрк дүйнөсүнүн адабияты (роман) сыйлыктарында” «Эң мыкты кыргыз романы» деп табылган. https://ucuncusayfahaber.com.tr/haber/muhittin_gumusten_yeni_eser_simsegin_gozyasi_-25059.html?fbclid=IwY2xjawLg1l1leHRuA2FlbQIxMQABHp3D-qQVvT8AOhJXrD79EuEetoAKdQqIutkS4EB8Hs2wsItzubVNO3OslibA_aem_9G5PO0SZdoDuyTbOI16_SA.

Чыгармада Касым Тыныстановдун өмүр жолу, балалыгы, Ташкентте өткөн жылдары, адабий чөйрөгө аралашуусу, боордош казак элинин теңдешсиз акыны Магжан Жумабаевдин устаттыгы, басмада бөлүм башчы болуп иштегени, Ильяс Жансүгүров менен кызматташтыгы автор тарабынан тарыхый документтердин негизинде таасын чагылдырылган. Муну менен бирге совет доорунун 1920-30-жылдарындагы татаал коомдук-саясий, илимий-адабий турмушунун оош-кыйышыда кылдат сүрөттөлгөн.

Кыргыз адабиятына “Чагылгандын көз жашы”, “Жылдын эң узак күнү”, “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык романдардын топтомун калтырып кеткен чыгаан жазуучу С. Станалиев былтыр, 2024-жылы, 74 жаш курагында каза болгон. Быйыл жазуучунун 75 жылдыгы белгиленет.  

About the author

Жазуучулар Союзу