Улуу тоого чыккан барбы?..
«Гүл канчалык күндүн нурун сиңирсе, ошончолук жанып турат желбирттеп» – бул акын Абдрахман Алымбаевдин (Байас Турал) сөзү. Себеби жер бетиндеги ар бир жаныбар, чөп-чардан баштап курт-кумурскага чейин Күн менен Жердин ааламына багыныңкы. Жер Күндү карап өз огунда айланып туралбаса, мынчалык оор жүктү өз бетиндеги тириликти күтө албас эле. Жер бетинде Эверестей, Гималайдай, Хан Теңиридей, Памир чокусундай касиеттүү бийик-бийик Теңирдин өзү менен сүйлөшүп тургансыган тоолор бар. Биерде Улуу Тибетти да, Карпат, Алпы тоолорун да унутпашыбыз керек. Ошол тоолордун деми менен улуу түздүктөр – жашыл өрөөндөр, океандар, деңиздер, аралдар, аралдай болгон материктер, өлкөлөр, анан кум учурган чөлдөр тирилик этет. Ыйык Мекке менен Медина, ыйык Арафат, Синай тоолорунун саябанында жашап, Мухаммед пайгамбардын осуяты менен гана өркүндөп атышат. Аны бүт Иисустун эли көрүп, бири-бирине саламдашалбай, ошол чөлкөмдү Кудай каргап койгонсуп, эки пайгамбардын ортосунда да кыйынчылыктар түзүүгө даяр. Чынында экөө тең Кудайдын сүйгөн пайгамбарларынын эли. Эми бул бүтпөс эрегиш, чыр-чатак. XXI кылымга чейин учугу узарып келатыр. Ким кантип ойлоп, кантип ойноп атканын Теңир карап турат деп бекер айтылбаса керек.
Кыргызда жакшы көргөнүн: «Теңир жалгагыр», анан жаман көргөнүн: «Теңир ургур» деген эле эки сөз бар. Байыркы кыргыздын туу тутканы Теңир болгон. Жылдыз карап туруп, Теңирдин ишараты деп, ошол жакка оогон, конуш которчу болсо да, ошол жылдыз менен сүйлөшүп туруп, анан которгон. Кыскасы, табияттын баласындай болуп калган байыркы кыргыз. Мухаммед пайгамбар чөлдөгү арабдарга: Төбөбүздө, бийик көктө бир эле Кудай бар, мынабу жердеги өзүңөр сыйынып аткан Кудайларыңар – өзүңөр жасап алган оюнчуктар, минтип отурсаңар чөлгө сиңип кетесиңер дегенде гана Мухаммедди уга башташкан. Бирок бул чындык да кан төгүүлөр аркылуу араң жетишилген. Дүйнөнүн кум учкан ушундай бир аптаптуу климатында жашаган, миллион пенденин жан-деми кайнап турган жерден мындай пайгамбар – улуу Теңирге таянып гана өз чындыгын ишке ашырды. Антпесе алигиче ошол чөлкөмдөгү миллиондогон пенделер, музоодон баштап, көрүнгөн Кудай айкелдерге табынып Күн көрмөк.
Байас Туралдын «Улар учкан тоолор» деген ыр жыйнагын окуп чыктым. Абдрахмандын ушул алакандай китепчесинде жагымдуу саптар ар бир сөз баккан адамдын жүрөгүнө жетпей койбойт. Абдрахман Алымбай уулу (Байас Турал) Туран элдеринин тарых-таржымалын кыйладан бери белсене изилдеп келаткан, Чыгыш аалымдарынын жолун туткан, илимпоз, философ-тарыхчы акындарыбыздын бири. Бул китебиндеги ырлар ак ыр формасында, айкын чындыктарды ак эдил сөздөр менен шаң-шарапаттуу шөкөттөгөн, тоолук элдин өзүндөй одонороок сезилсе да, сыймыкка, дем-дымакка, үрөй-сүргө ширелген сөөлөттүү, айбарлуу саптардан куралган. Чынында да кыргыз элине Теңирдин пейил-ырайы менен бурулуп калган «гениалдуу художниктин кыялынан бүткөндөй» кереметтүү улуу тоолор Мекени өзүнө жарашкан санжыргалуу, дүрмөктүү, көкжалтыр аскадай айбарлуу жана уютулган урчуктай чулу саптардан куралган. Аксыдан аты чыккан атактуу Жеңижок акын аккан суунун касиетин кандай даңазалаган болсо, Байас Турал ошол суунун башаты болгон улуу тоолордун кереметин жана анын арасында жаралып, дүйнөгө ошол бийиктиктен караган кыргыз деген элдин Теңирге табынып келген аруулугун, аң-сезиминин үңкүрдүн, Шудугур ата мазарынын, Оштогу Сулайман тоонун султан Бабур мезгилинде Бара Кух (Буура тоо) деп аталганын, Алтай-Саяндан тартып, Алай, Гималайга чейинки улуу тоолор Теңир тарабынан кыргыздарга ыроолонгонун сыр кылып айтат. Фудзияма тоосу жапондорду бийиктикти, кооздукту сезүүгө үндөп турса, биз андан алда канча бийик, асман тиреген тоолордо, космоско учуучу ракетадай аскаларды Мекендеп, ой-кыялдарыбыз аалам кыйырын кыдырып учат дейт. Биз да тоолорго окшоп, Азиянын асманын төбөбүзгө көтөрүп, мезгил санап, кылым санап дүңгүрөп өссөк деп ниет кылат. Бүгүнкү кыргыз, байыркы огуздардын урпагы жана өзөгү, тоолор ага окшош, алар тоого окшош, бир бүтүн биримдикте асман-жер ортосундагы тириликти жүргүзүп келет деген ойду табыштайт. Олжас Сулейманов: «Я возвыщаю степь, не унижая горы» – деп, казак талаасын көтөргөндөй, Байас Турал да Туран талааларын пастатпай туруп, кыргыз тоолорун көтөрүүгө жүрөк дилин албыртат.
Биздин прозабызда элибиздин тарых тереңин изилдеп чагылдырууга ынтаасын койгон бир топ эле жазуучуларыбыз болду. Бирок поэзиябызда бул багытта авторлорубуз да, чыгармалар да сейрек. Санай келсек: С.Эралиевдин «Ак Мөөр», «Жаңыл Мырзанын керээзи», С.Жусуевдин «Курманжан датка», Ж.Мамытовдун «Сепил», «Олокон тоо», «Чилтен баатыр», А.Рыскуловдун «Кийиз коңгуроо» сыяктуу чыгармалары менен гана чектелебиз. Ушундай кырдаалда Байас Туралдын тарых тамырыбызга илимий багытта назар сала башташы анын дарек-дабышын тыңдап дит койгон акындын келаткандыгынан кабар берет. Табигый көрөңгө, рухий интеллект, сезими, акыл-парасаты менен туйган кубулуштар, китептен жана реалдуу турмуштан алган билим, таасирлер, сабактар анын көкүрөгүн тээп, кагаз бетине төгүлүүгө шаштырып буркан-шаркан түшүрүп, толкутуп, жанын тынчтык бербей дүргүтүп турган сыяктуу. Акындын көкүрөгү толо ойлор, олуттуу, оттуу сөздөр, кара сөз менен оролуша оргуштап чыгып жаткан ырлар. Бир карасаң бу дүйнөнүн такталып бүткөн, баарыга дайын, алейне чындыгын жаңы эле эшикти ачкансып, жаңы табылга тапкансып, эркин ыр түрүндө дуулдатып, кулагыбызга куюп жаткансыйт. Бирок ак ырдын он алты, он сегиз муундан да ашып кеткен сап өлчөмдөрү анда камтылган мазмунга жарашып, ойду толук, жеткилең айтууга кызмат кылганын, саптар ошол зарылдыктан узарып жатканын сезебиз. Ак ыр формасы бизге байыркы кытай поэзиясынын же япондордун танка, хокку формасынан же У.Уитмен, Ж.Амаду, П.Эдюар, П.Неруда, В.Незвал, Ш.Бодлер, Н.Хикмет, В.Маяковский сыяктуу акындардын таасиринен келди деп айтканга мен ынанбайм. Бул форма менен ритмдин элементтери өзүбүздүн эле советтик доордогу А.Токомбаев, А.Осмонов, Р.Шүкүрбеков, Ж.Алыбаев сыяктуу акындарыбыздын чыгармаларында да кездешип келген. Ал эми алтымышынчы жылдарда Р.Рыскуловдун, С.Эралиевдин, О.Султановдун, Т.Кожомбердиевдин, М.Абылкасымованын чыгармаларында жаңыча түрдө улантылды. Ошондуктан С.Эралиев Байас Туралдын ушул китебине жазган баш сөзүндө: «Кээ бирөөлөр жерип жүрчү ак ыр азыр биздин салтыбызга кирип, өзүнүн закондуу ордун алды» – деп туура белгилеп отурат. Мунун башаты рун тамгалары менен жазылган кыргыздын байыркы таш эстеликтериндеги «Култегин» жана «Тонүкөк» эстеликтеринде десек да туура болчудай. Кыскасы, кандай формада жазылса да бизге чыгармадагы айтылчу ойдун мазмуну, сөздөрдүн жандуу жаңырыгы, көркөмдүк татым маанилүү. Ал эми мындай сыпат, жалындуу жигер Байас Туралда жетишээрлик экенине биз ишенебиз.
“Акындарга аздек сөз” китебинен