Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (соңу)

Сүйүү, сүйүү

Оттор өчүп, кеч күүгүмдө жагылган,

Үйлөр жымжырт түндүктөрү жабылган.

Жар салгансып жаңырыктайт кашка суу,

Мончок бүркүп улам жарга кагылган.

Асман тунук. Сапар тартып сан жылдыз,

Каяккадыр, каяккадыр агылган.

Ортосунда араң калкып ай барат,

Мис табактай түнкү көрккө тагылган.

 

Тыноо кагып, тынч көшүлөт капчыгай,

Өжөрлөнүп жели кырга чапчыбай.

Кайда, кайда?.. Калган белем көрүнбөй,

Кызын жазап кырда олтурчу чакчыгай.

Кабак чытып карагансыйт сары аска,

Жазмыш өзү жасап койгон сакчыдай.

Жолборс сүрдүү жондор жатат комдонуп,

Кылым ачпай сырын ичке катчудай.

 

Аяк серппейт Соң-Көл андан ныксырап.

Ай кучактап уктап жаткан кыз сымак…

Асман учун ары чоюп тургансып,

Алда кайдан тоолор тиктейт суз сынап.

Бул кадыр түн ак каранын айгагы,

Жол төтөлөп, жортуулдарга чыкчу убак,

Же жаштыкты ойго ыргытып кайдагы,

Тынчыңды алат, тынчыңды алат чымчылап.

 

Ооба, ошентип, кеч соңунан түн кирет,

Чокуларга башын жөлөп үргүлөп.

Кыймыл бастайт – байгедеги аттардын

Улам соңку дүбүртүндөй дүңгүрөп.

Гүлдөр кырда көпөлөгүн жыттатат,

Күйөөлөткөн аруулардай үлбүрөп…

Ушул түндө жалгыз бирөө баратат

Баратат да, ойго батат күңгүрөп:

 

«Канча жылы камын ойлоп бир баштын,

Жылкы артында жылганы өрдөп, кырды аштым.

Муздак төргө шүүдүрүмүн түнөткөн,

Ичирткенткич шамал менен ырдаштым.

Таңды тосуп, кечти бирге узатып,

Алтын казык, Жети Аркарга сырдаштым.

Убак таап колун кенен кыспадым,

Тээ алыста жол караган курдаштын».

 

Көз алдына Мөөрү келип токтолот,

Тегеректеп келин-кыздар топтолот.

Жалт бурулса чач мончоктор шарк этип,

Шыңкылдашып тийип-качып шоктонот.

Эми жетип, чап билектен аларда,

Кайда кетет? Кыз элеси жок болот.

Ах, махабат, алдаганың койбодуң,

Алек кылып тынч жүрөктү козголоп?

 

Кимдер минтип азгырылбас сулууга,

Алда кандай күч бар арбап турууга?

Ким умтулбайт, эч болбосо бир ирет,

Жарк деп койгон жамалына жылууга,

Көзгө илешпес кылтагына кармаса

Аргаң калбас андан кайра чыгууга –

Билип туруп, бирок сезбей каласың,

Ошондуктан сулуу деген сулуу да!..

 

Ал аңгыча борчук кара таштагы,

Көк башатка жете келип Кашканы.

Каңганынча бир сугарып, жүрдү ары,

Желип-жорткон аяң менен баштагы.

Дагы кызып кыялына жан тартат,

Түндү чапчып туйлайт белем жаш каны:

«Кимди сүйсөң – ал гана окшойт жаркының,

Көрбөгөнсүп жалаң андан башканы».

 

Сүйүү! Сүйүү! Укса канбас сыры бар,

Ойду ойнотуп, кумарланткан ыры бар.

Ылгый таза ынактыктан жаралган,

Жалыны бар чалпоо сезим жылынар.

Сүйүү деген токсон кырлуу эмеспи,

Кыйын чыгар, билиш анын кырын ар?

Кээде ызалап, кээде шаттык карматкан,

Бул да сенин демиң беле сулуу жар?!

 

Сүйүү деген – тилсиз сүйлөп жүрөктөн,

Ашык жарын сөөлөтүндө түнөткөн.

Кыялыңа канат байлап учуруп,

Сезимиңе жыпар жыттуу гүл эккен,

Көз алдыңа келе калса элеси,

Капысынан кан денеңе дүр эткен.

Аралыгы ай менен жыл болсо да

Ак сүйүүлөр качан күчүн түгөткөн?!

 

А кыз эмне? – Кумарчылык бир өзү

Көкөлөтүп көңүлдү өргө сүрөөчү,

Жаңы жааган жазгы кардай уялчаак,

Миң буралып, жумшак келип мүнөзү

Тунук пейил, назик, сылык, боорукер,

Качан болсо жакшылыкта мүдөөсү.

Абалтадан ата салты боюнча

Бойго жетсе башка жердин бүлөөсү.

 

Кызык тура, кымбат тура кыз деген,

Эстегенде жүрөк учу тыз деген.

Бул өмүрдө болбос эле арманым,

Жашап өтсөм жаным сүйгөн кыз менен.

Ойлоп-ойлоп өзүм чече албадым,

Айтчы тагдыр кимге кошуп сызды элең?

Мөөрдү бер, башка дөөлөт күтпөдүм

Далай жыттап кучагыма кысчу элем?

 

Кээде ушинтип келечекке ой буруп,

Кыял менен махабатка той куруп,

Аз да болсо чер таратып алчу эле

Анын түпсүз деңизине бойду уруп:

«Ай дүнүйө, алдап койбос бекенсиң…

Тилек мизин, үмүт курчун жойдуруп?!

Шашпа Болот, азыр жооруп нетерсиң…»

Жөнөп кетти аттын оозун койдуруп.

 

Байкабастан камчы басып жамбашка,

Өзү үстүнөн ыргый жаздап алгачта,

Кайра оңолду: «Кантет, кантет жаныбар,

Куткарбас дейм куюн ойноп, жел качса»

Жанга өлчөлүү жалгыз аты сыр билги,

Дубан бузган тулпар эле Керкашка:

«Ай, ай баатыр кол карышып баратат

Абайлап чап, айлана түн, жер башка?»

 

Шаш жолоочу, барарыңа жетчи ылдам

Учур эмес «жай жетермин» деп тынган,

Өбөрүндө жумшак эрдин төшөлтчү,

Асылкеч жар алыс турат көп мындан.

Санаасы арбып, зарыккандыр бураң бел,

Күндөр өттү жебе мисал тез жылган.

Баягы айткан убадалуу сөз гана

Барарыңа үч мезгилди шерт кылган:

 

«Жай аяктап, тегиз бышып түздө эгин,

Кызгылт сары шайы өңдөнтүп түспөлүн

Жаңы чапкан чөп жыттары буруксуп,

Аптап каарып, алалантып күз көгүн,

Тоо такалып, тескей жактан эл кайтып,

Өзөн, сайда өткөрүшөт күздөрүн –

Мен келермин, ошол кезде келермин

Эркем эстеп, күткүн күдөр үзбөгүн».

 

Түн узарып, күн да тартып кыскараак

Тунук асман түнөрүңкү суз карап,

Ай талаада аяз боздоп үңүлдөп,

Аңган сайын көпкөк тартып муз тарап,

Таң чыкылдап, жылкы өрүштө кар чапчып,

Бак – дарактар күмүш кыроо кыстарат –

Мен келермин, ошол кезде келермин

Күтөр болсо, күн эсебин кыз санап?!

 

Жер тоборсуп, көк кылтыйып күн чубак,

Алдан тайып, жашка айланып боз бубак,

Суулар кирдеп, өрүк сөйкө тагынып

Сап-сап болуп турна чубап, каз чубап,

Уу-чуу түшүп, төлү менен мал каптап,

Уйкусуна магдыратар жазгы убак –

Мен барармын, ошол кезде барармын.

Ага чейин аман турсун жаш бурак».

 

…Үйгө кирди. Баары жымжырт, караңгы:

«Кантем ушул каңкылдаган арамды» –

Адил ата ачууланып итине

«Кап сени» деп капшыт жагын каранды.

Маржан эне уйку аралаш кобурап:

«Атчы деди, алып чыгып бараңды?!»

Биздин жигит босогого жармашып

Дир – дир этет, көрбөсө деп караамды…

 

Дагы тынчтык…төрдө жаткан тиги эми

Жан шооласы, жакшы үмүтү тилеги –

Мөөрү бекен? Ооба мына аймалап

Алып барат анын оттой илеби,

Жаткан экен жай мемиреп капарсыз

Ак жаздыкка артылгансып билеги.

Деми тездеп кээде гана энтелейт,

Же жаштыктын шоокум-шеги келеби?

 

Жүрөк дүк-дүк, «эрте – жет» деп периге

Шыкак берип, сүрөп коштойт демиге.

«Болот токто, жата түшсүн жаш эрке

Аралашып демиң ысык демине…»

Кармайын дейт, кол тайсалдап даай албайт,

Бир азыраак сүрдөө кирип денине.

«Ай тобокел!» – билегинен сылады

Кыз селт этти:

-Ой ким? Ой бул эмине?!

-Бул мен, Мөкүш! Менмин, Болот элемин.

-Болот? Болот?..

-Ооба түндөп келемин…-

-Ай акырын кулак кыры чалбасын,

Күмөнү көп аз уйкулуу эненин? –

Колун алып кысат басып төшүнө:

-Көп кечикпей келер бекен дегемин. –

-Келдим жаным! –

Ат-ылобуң аманбы? –

-Түгөл, бирок сен деп санаа чегемин.

 

Бозой издеп чаңкап жетсе атайын,

Кыз айтпайбы «орун берип жатайын,

Кайда кеттиң бороон кууган камгактай,

Үшүсөң кел кучагыма катайын?

Мөлтүлдөгөн мөмө эмеспи махабат,

Сен да таткын, мен да даамын татайын.

Маанайы пас, сабыры суз, бул учур,

Салса азапка – аргам барбы, батайын?».

 

Бирок минтип ал каяктан айта алат,

Айтпаса да аракеттен байкалат.

Жаралгандан кыз көңүлү аярдуу,

Кээде оюнан оңой эле кайталат.

Жигиттерден сезгичирээк келишет,

Көз карашы ички сырын кайталап…

Мөөрү сурайт: – неге эртерээк келбедиң, –

А мунусу таарынч эмес, жай талап.

 

Көркүн төгүп, көп буралса ак кызы,

Эстен чыгып, баштан өткөн запкысы,

Салкын сепкен жайкы кечтей серүүндөп,

Жаңырбайбы жаш өмүрдүн бактысы.

«Ой бүтүрүп кирсиз кине жукпаган,

Ушу экен да чын сүйүүнүн таттысы».

Жүргүсү бар журт кыдырып жар салып,

Бул учурун келбей ичте каткысы.

 

-Уктум Мөкүш, мында болгон абалды… –

-Кайсынысын? Баяндарбы? А калды…

Азыр келип Жантай деген жармашты,

«Алперем» деп бай ошого жага алды.

Унутту өзүн, тепти жерге намысын,

Эми издөөдө эрте атказар амалды…

Куугун жеген кайберендей дирилдеп

Кайра дагы сүйүү жарга камалды… –

 

Кыз тиштенип демин ичке жыят да,

Ыйлап иет:

-Ким табылат миятка?!

-Токто Мөкүш, кантип билди ал сени? –

-Кайдан Болот, эл болгон соң туят да!

Калса дагы жетимиштен ары ашып,

Турса дагы төрт аялы тиякта…-

-Ай Мөкүш ай, алар көнгөн башынан,

Карабастан күнөө, айыпка, уятка… –

 

-Мына ушундай орду толбос убайым,

Көздөп калды жөн койбосу бу дайын,

Алдап жатам «кырк күн катар той берип,

Оюн курсун, болом десе «жубайым»,

Күйөөчүлөп отуз нарга мүлк артып,

Салттуу келсин, бөлөк айдап субайын»

Ага чейин бизге берер бир шыбаа,

Ак эле деп боору ооруса кудайым!

 

Жооп айтыптыр «аны ойлонуп көрөм» деп…

Бийлер, байлар бөжөктөшүп «төрөм» деп,

Күн-түн бирдей чууруп кирип жатышат

Улам бери курчоо салып тереңдеп,

Ырылдашат ач бөрүлөр-ажалдар,

Ай талаада… биз качабыз сереңдеп. –

-Коркпо Мөкүш тирүү жанбыз биз дагы,

Бизге дагы «доспуз», «өзбүз» деген көп. –

 

-Жаш жүрөктүн энтиккенин, жанганын,

Жакшы эместир жашырганым, танганым.

Актык ишке күмөн жооруп не керек,

Жалгыз сен деп жаралгансыйт кан, жаным. –

-Сен мен үчүн кунсуз көркү дүйнөнүн,

Көрөр бекем өмүр мооку канганын? –

Ээн түндө экөө сезип умтулат,

Башта нокто, бутта кишен салмагын…

 

«Мөкүш!» деди Болот ага эркелеп,

Эркелеши эмес бекен эртерээк?

Сүйүү жолу кээде ийри да, кээде түз,

Ийри болсо түздөй турган кез керек.

Анан мындай тагдыр талаш чактарда,

Коога кылып эртеңкисин эскерет.

Бир ишенет, бир сүйүүгө багынат

Антпей туруп кыз каяктан сөз берет?

 

«Ишен Мөкүш, айтсам сени куткардым,

Жан жай алып, анан тынчып уктармын.

Үлпөтүңө өзгөнү орток кыла албайм.

Жан чыкканча жалгыз өзүм куштармын.

Качсак бекен ый-муңу жок жактарга,

Үстүн тепсеп мунарык чөл, муз – кардын?

Сызсак бекен жыйбай тулпар тизгинин,

Канатындай учкул-кыраан куштардын…?»

 

“Кээде сүйүү кѳз кайкыган чынардай,

Сын-сыпатын сан жыл бузбай чыдаардай.

Ырас Болот, чыдашарды билсем да,

Аяп, сүрдѳп жүрдүм сыртка чыгарбай,

Ал мына эми: салкындыгы – Арпадай,

Бийиктиги – Ак Аблетун мунардай.

Тунуктугу – коңур жыттуу Соң-Кѳлдѳй

Кенендиги – турган асман тунарбай.”

 

Мен да сен да ууз кырчын кездеги,

Ак тилектен алышкан кол эстеби?

«Эсте эмейчи! Анда ойноо кыз элем мен

Уяң элем, жана да жок сөзгө эби…»

«А мен көрсөм аптыкчу адат тапкамын,

Мүмкүн алдыр – курдаш сыйын сезгени?

Ошондогу жаш сүйүүнү жетилтип

Көрчү Мөкүш, мезгил кандай тездеди!»

 

Болсо да узак ант алышкан жылдары,

Аз чертилди махабаттын кылдары.

Калыс чечпей, жигит зарын, кыз муңун.

Далай мындай кездешүүлөр жылды ары.

А мына эми эринге эрин тогошту…

«Койчу Болот? не деген кеп, бул, баары?»

«Жаным, күнүм дүр-дүнүйөм, жаркыным,

Жаш күнүмдүн жарашыгы, дилбары?».

 

Суу куралып жылт –жулт эткен бир кулак,

Дайра болуп, сырды сырдап, кырды улап,

Күрп-шарп этип муздак шары чарпылып,

Чарпындысы айды бетке ургулап.

Чарчоо билбей, агымынан айныбай,

Айкырыктап күүлөр чалып миң бурак,

Сан кылымга сабаалаган Нарындай,

Сүйүү эрки кыз эркинен алдуурак…

 

Көктөн көлбүп, төшүн тосуп калкылдап,

Ак куу көлгө, ак куу көлгө тартылмак,

Аңган сайын көркүн ачмак жаш сүйүү,

Жамгыр жууган жазгы ыраңдай жалтылдап.

Тартып алып түндүн түркүн бейишин

Эки ашык жар эришти бейм балкылдап

Махабаттын мындай кээ бир кездерин

Жазуу кыйын колдо калам калтылдап…

 

Бир жагынан жүрөктү өйкөп ызалык,

Кайра «кой» деп жубаткансып кусалык,

Деми кургап, дарман калбай ырп этер,

Чок түшкөндөй беттин оту кызарып,

Азыркы иштин ак-карасын билалбай,

Шекке урунуп кысталдыбы, кыз анык?

Бир түн билет…

Сөз кезеги жеткиче.

Биз да окуучу далай жерге узадык.

 

Түн бир оокум, айды тоого каткандыр,

Каткан жагын Соң – Көл тиктеп жаткандыр?

Кыргыз көлдүн кыз-жигити – каз-өрдөк,

Айкалышып ал да сырга баткандыр?

Батар чагын тоо булагы жомоктоп,

Кирпик какпай, кыткылыктап аккандыр?

Түндү түртүп, таң супасын салгыча,

Кой жароокер, сен да ашыгың аттандыр!..

 

Эгеште

Түн серпилди, үй түндүгү түрүлүп,

Түрдүү жандар турду уйкудан тирилип…

Бир неме деп, алда кайдан айкырып,

Кетип жатат суулар шаша жүгүрүп.

Минтип дайым күн алмашат, жаңы өсөт,

Эски кулайт, биз да өтөбүз сүрүлүп.

Кел, дос, анда иште үлгүрүп калалы,

Өлүм үчүн кымбат турсун тирүүлүк.

 

«Таң ашсын» деп кеч коюлган ат кандай,

Солк-солк этип, жонун желден каткандай,

Башын салып жер отуна жутунат,

Улам аркы ширесине бат канбай,

Талыкшыган уйлар туруп чиренип,

Короолу кой бир уяда жаткандай

Козголду эми үн алыша маарашып…

Жылкы түшөт түнкү жайыт жактан жай.

 

Кыл чокулар айрыга окшоп жүз илик,

Күн шооласы бөлөк-бөлөк үзүлүп.

Минди аларга.

Бирок али күтүүдө,

Түнкү үшүгөн кырлары бүт, түзү бүт.

Чөп чыгына мас болгондой кулундар,

Жуушап уктайт желелерде тизилип,

Саан бээлер курсактары чытырап,

Араң турат орду-ордунда сүзүлүп.

 

«Барбай калсак кан көөнүнө кетет кек,

Оюн тапсак бизди эскере кетет» деп

Союшуна кысыр эмди тай алып,

Эчен-эчен туу бээлерди жетектеп,

Бал куйруктуу багландарды өңөртүп,

Тулпар-Ташты, Бурган-Сууну этектеп,

Эл ичинде биз «жакшыбыз» дегендер,

Таңдан тартып бул тарапка өтөт көп.

 

Бул тарапта …малдар, малдар союлган.

Шарак-шарак самоорлор коюлган.

Аш камында дикилдешкен малайлар,

Кыска сүйлөйт: «Жүгүр эрте!», «Ой, ылдам!».

Чоң үйдөгү кербезденген сулуулар

Шек бергенсип: «Сен кетпейсиң оюмдан»

Калптан күлүп жуп-жубунан бөлүнбөй,

Баскан болуп үй жанына чоюлган.

 

Жантай курдуу өң «мыктыга» бир бөлөк,

Жасалгалуу сегиз канат үй бөлөт.

Андан берки орто, кичүү манаптар,

Ага жетип кол бералбай сүрдөнөт.

Бирок алар өз бетинче олтурат,

Бек, бийлерди башка топко сүрмөлөп.

Чакан-чукан бай атагын алгандар,

А жѳн эле карта ойногон үймѳлѳк.

 

Конок күтүп күйпөлөктөйт бай андан,

Азыр келип чоң өргөөдөн жай алган…

Кече Жантай Мөөр жөнүн айтканда,

«Ырас болот!.. Жан жок сизден аянган,

Өтө ылайык акыл, көркү …» деген ал,

Өз мансабын артык баалап Баяндан.

«Кыз табылар, деп баласын соороткон,

Мындан ары тооң күчтүү таянган…»

 

Ал аңгыча тамак алга тартылат,

Эттер келет чараларда калтырап.

Асманга атып, ысык буусу бурк этип,

Каңшаарында жылуу жытын калтырат.

Ар биринде казы-карта титиреп,

Сары алтындай кертип бышкан жал турат.

Аларды алып үйгө кирген малайлар,

Кое салып кайра артына «жалт» урат.

 

«А кудайым жегизе көр аш буйруп,

Кабырга алып, кыртышынан аз сыйрып,

Ооз тийип, көп жей албай манчыркап,

Аш тажаткан мүнөзүндө каш чыйрып,

Жантай кайра жатып алды жамбаштап.

Кээ бирөөгө күрөң түстүү баш буйруп,

Кээ бирөөлөр жилик кармап кажаса,

Бирөө ашайт бал татыган жаш куйрук.

 

Аш үстүндө кептер кайдан ташталат,

Той айтылса, ат чабыштар башталат.

Бардык адам бир кишиге ийилип,

Ал алдында байкуш мисал баштанат.

Ал сүйлөсө өлүк жандай тынч болуп,

Ал жылмайса – дуу күлүшкө шашкалак.

Тойгон көңүл далысынан ынтыгып,

Шапа-шупа чыгып жатты бош табак.

 

Кымыз! кымыз! Ушул керек суусунга,

Чыны чертип шыр-шыр эткен чуусунда!

Күлдүрт-күлдүрт сар чаначтар бышылат…

Көп жеп койгон күчтүү тамак «уусунда»

Кээ бирөөлөр онтолошуп оорудай,

Тоголонуп жатат үйдүн тышында.

Кезек менен кесе сунган бир жигит

Карап калды, токтоп Жантай тушунда.

 

Мүмкүн аны көрөйүн дээр дурустап?

-Баатыр» эгер болсо сизден уруксат,

Айтарым бар бул дасторкон үстүндө? –

Селт этишти эл кулагын түрүп сак.

-Кана сүйлө? – койду акшыя бир карап,

-Кудай сүйбөс куран жолун унутсак?

Жалгыз жарды талашсын деп сизди анда

Кай китепке жазган экен, «улуу зат?» –

 

-Жарың кайсы? Кимсиң өзүң – чамына,

Колун сермеп, кылыч жакка камына,

Тура калды куш төшөктүн үстүнө,

Кыл торкону силкип таштап жанына.

-Аты – Болот, анын жары – Ак Мөөр кыз! –

-Байка бала, оозуң айгак каныңа?! –

-Журт алдында баатыр болсоң калыс чеч,

Антпейм десең тил кес, баш кес мамына! –

 

-Айт эми эрте? –

-А сиз ойлоп караңыз,

Биздин кыздан улуу экен балаңыз…

Анан дагы сиз жөнүндө «баатыр», «бай»,

«Билгич», «мыкты», «паша» деген бар аңыз.

Анда түк жок, жалгыз бүткөн жары ошо…

Биз барыбыз а дүйнөгө барабыз,

Болот сизди доого жыкса кантесиз

Алыс болбойт анда биздин арабыз? –

 

«Бул ким өзү?», «Оңбогур бейм кайдагы?» –

-Ким дейт, мабул Келдибектин айдагы!-

-Жок баатырым, жок урматтуу бек затым,

Азыр аны… – тура калып бай дагы,

Малайына жаңы асыла берерде,

Жантай айтты: эми өлтүрүү пайдабы?

Кое тургун дагы ар жагын угалы?..»

Бирок жигит «кан» каарынан тайбады…

 

Ушул жигит ата-баба дайынын.

Ал гана эмес тууган урук жайынын,

Бирин билбейт… бар билгени малайлык.

Жерге көмдү жакында алган зайыбын –

Бай аялы кычкач менен башка урган,

Байкуш тартты «жай кыймылдаар» айыбын.

Ыйлап калды эмчектеги перзенти,

Анда үчү эле жалган куран айынын…

 

-«Байым» – деди курчуң мокоп калганбы,

Балаң каалап аялдыкка алганды,

Жуучу түшсөң … Адил ата көнбөсө,

Журт чогултуп сан жорукка салганды,

Унуттуңбу? «Кызды кийрип албасаң»,

Тирүү жүрбөй өлмөк элең жалганбы?

Эми сизди билсек болот кандай деп? –

Отургандар оозун ачып таң калды…

 

Бай айкырды: – бардыгы калп ханым! – деп

-Болгон экен бай ушинтсе жанын жеп? –

-Ишенбесеңиз бул бир жүргөн келесоо,

Дөөрүп жатат… Кайнатпа адам канын көп!-

Жантай айтты: «Эгер Мөөр Болоттун,

Анык алар жары болсо далилдет.

Жалган чыкса ушул жерде, эми эле,

Өз жаныңды алып тынат ал илдет?»

 

-Далилдесем? –

-Мүмкүн жаның сакталар? –

-Анда «каным» мен жүр деген жакка бар.

А болбосо ишеничтүү киши кош –

Укса дагы жакшы кабар, жат кабар,

Көрсө дагы арамдыкты, актыкты,

Таамай айткан сөзү менен макталар? –

Жантай анда өз ырчысын жумшады,

Жумшап коюп, үйдөн аңдып бакты алар…

 

Алып барат… Эми кантип аныктайт?

Андан көрө «калп эле» деп танып кайт –

Десек бекен? Мен да билбейм окуучум,

Бирок азыр чакырсак да аны укпайт.

Кетип барат, кедей айлы тарапка…

Арттан күтүп жык-жык болгон калыкты, айт.

Мындай – мындай кысталыштуу учурлар,

Кайра адамды «тобокелге» калыптайт.

 

Сезимди уулап ичти кескен жаратты,

Ыргыткандай, бүгүн бугун таратты.

Андан ары көрмөк башка түшкөнүн,

Көрмөк сынап: тагдыр ага кара, акпы?

Кара болсо чыдап жүрүп не пайда?

Батыш кыздын үйүн көздөп баратты.

Ана жетти.

Жеңден тартып ырчыны,

«Көр» дегендей капшытынан каратты.

 

«Бул бир укмуш баатыр укса теригер:

Кучакка алып өпкөн бойдон эрип эр,

Катып калган…

Мөөр анан олтуруп

«Жамайм деди, кемселиңди бери бер?»

Болот жатты тизесине баш жөлөп,

Сулуу болсо кыз сенчелик керилер?!

Асылышат, чымчылашат, күлүшөт,

Ойногондой жомоктогу перилер.

 

Ый, кубаныч – баары аралаш каралып,

Ант кылгандай бөлүнбөскө жаралып.

Алар турат…

Албуут, өкүм жаштыктын,

Илеби уруп, бүт боюна таралып,

Мас болгондой ырчы тиктеп телмирет,

Малай сүйлөйт:

«Жетти го эми баралык?»

Кайра келип көргөндөрүн Жантайга

Айтып жатты, аны бөлүп ары алып.

 

Жантай күлдү: ырчы экенсиң көп сараң,

Мен ал кыздын билгичтигин эске алам.

Кыйын тийип өскөн жерден бөлүнүү,

Жүрөк сыздап жаштуу турган кезде араң,

Камсыз ойлоп, эрте барган шерти үчүн,

Бир байкуштун кадырына жетсе, анан,

Кантип жетпейт менин кадыр-баркыма?!»

Сыр билгизип кенеген жок кексе арам.

 

Бирок кайра кандуу көзү алайды:

-Калкым эми мобул жексур малайды,

Эмне кылсак? Ордо чирип өлсүнбү? –

-Туура баатыр! Бир бул эмес далайды,

Баарыдан да кошо салсак Болотту? –

Деп Келдибек жети түндөй карайды…

Бирок Болот таптырбады аларга,

Ага озунуп жеткен белем а кайгы?..

 

…Күүгүм ченде Батыш жетти кабарга:

-Болот күтөт, качыш керек, тап арга?

Тосом дептир, көк берметин түн төрөп,

Теңин бөлүп көл жүзүнө тагарда. –

-Кантип Батыш? Баары турса туткактап?

-Шашпа чоочуп, жакшы болор а барда? –

Андан көрө жол камына беленден,

Көп машакат – качкын изин жабар да? –

 

Келишти анан үйлөрүнө Батыштын,

Камын ойлоп андан ары качыштын:

Мөөр эми кайсы жатка көз сүзүп,

Кайсы карттын кылтагына чатышсын!

Келе Батыш, жоолугумду алып бер,

Келгин Батыш, мончогумду катышкын.

Кечир ата, ак батаңды албадым,

Көп күнөөдүр минтип кетип жатышым?

 

Кең дүйнөдө тар жол болду тапканым,

Бирок ал да айтпайт каткан капканын,

Кечир апа, колуң кыспай баратам,

Кечир мени «каргыш айтып какпагын»

Батыш кыстайт: «Кокус шекшип калышат,

Маасыңды ме, кийгин эрте, бат камын!»

Экөө бирдей колдоруна чака алды,

Көрсүн үчүн «сууга бара жатканын».

 

Опур-топур кыймыл да жок бүгүн көп,

Көрдөй түндүн сыры кимге билинмек?

Бүтөр үмүт, өчөр ойдой элп этет,

Кечки жанган оттор араң үлүңдөп.

Кыздар барат элең – элең карашып,

Ыйлаар бекен, күлөр бекен күлүңдөп?

Болжош кыйын…

Тырс деп дабыш чыкса эле,

Өткөнгө окшойт ок денени жүлүндөп.

 

Мына кокту, кырын эптеп ашса аман,

Бул тарапта коркунуч жок башка анан.

Андан ары Болот күтөт ат коштоп,

«Кокуй Мөкүш, сайга салба – таш жаман,

Балээ кылат дабыш берип какырап».

«Апей бул ким» шамдай-шамдай кош караан

Чыга калып кыздар алдын торошту:

-Шерменделер, эми алдыга бас кадам?!»

 

-Баянсыңбы ой?… Байдын тузун бай актап… –

Батыш сөзүн бүтө электе аяктап:

Корс, корс этти: – кайткыла эрте айылга,

А болбосо алпарабыз таяктап! –

-Сен ким үчүн мынча күйүп жүрөсүң?

«Тү» бетиңе, намыс билбес, ай акмак!

Болот! Болот – бакырды анан Батыш жан,

Ал үн катты…

Ошол жакка жай аттап.

 

Сала берди… Качканы го Мөкүштүн?

Андан Болот, мындан булар жетишсин.

Ортодо кыз… Бир кансырап жыгылбай,

Кимдер кимге кыйып таштап кетишсин?

Сай жакалап салгылашып киришти.

Мөөр коркту «салдары деп чеки иштин».

Тигил жалгыз, коер эмес беркилер…

Ал аңгыча арт жагынан эшитти үн:

 

-Карма Болот! Билсем эмне мурда эле!

Далдап туруп бирин башка урду эле,

Баян экен – кулап түштү бакырып,

Сокту жана, чарчаар эмес бул деле –

Кыз оюнда биз жолуккан койчуман,

Бая мында аттар менен турду эле…

Уу-чуу түшүп жигит- желең ээрчитип,

Бай жүгүрдү «болгонбу» деп бир неме?!

 

«Ой, ал ким ой?» Улам бери капташат.

Кармап алса төшөгүндөй тапташат.

«Ай аттиң ай! Азга келбей турганда…

Курбум эми болбой калды качпасак?»

Айбат кылып аздап-аздап чегинет.

Бут жарадар… Болот кайдан бат басат?

Араң келет койчу ийнине сүйөнүп,

Аттар мына… эптеп аны атказат.

 

Минди өзү да.

Арттан куугун эл кирет.

Колдорунда: балта, бакан, бел күрөк.

Антип-минтип Болот атын бургуча,

Бирөө чабат өпкө тушка белгилеп.

«Ах!» – куланат ат жалына шылк этип,

Койчу жандап аны атка өңөрөт…

Келдибек:

«Кармагыла!»

Берки качат камчы уруп,

Коркуп келет, көңүл кылбайт «өлдү» деп,

 

Сан кол санап ынак сүйүү элесин,

Жоого тийип окко алдырып денесин,

Кан чуурутуп, көр оозуна жан келип,

Кайтты артына таштап кыргын белесин.

Кыйын экен күч тең келүү болбосо!

Бирок душман «өлдү, өлбөдү» дебесин,

Бүтпөгөн соң көөдөн толо кек калып,

Билмек эмес «жеңилдим» деп деле өзүн…

 

Кош Соң-Көл

«Айтсаң боло, уксаң боло жараткан –

Алп күчтөрү аалам эркин караткан,

Таңды, кечти тартип менен өткөрүп,

Бирөөгө бак, бирөөгө муң тараткан,

Акыл берер аргаң барбы кызыңа,

Жай ичинде мөндүр каккан дарактан,

Гүл ачалбай урап түшкөн мөмөдөй,

Улам соолуп, куурап кетип бараткан?!

 

Кайда күлпөт, кайда өмүрдүн жаш чагы,

Кайда күндөр эркелетчү баштагы?

Айтчы Соң Көл, айланайын тунук көл,

Же мен байкуш өз бооруңдан башкабы?

Чынар эмес чырпыгыңдын бүрү элем,

Тагдыр минтип жарга согуп таштады?..

Мөөр олтурат суу жээгинде үңүлүп,

Өзүн көрүп… тамган ысык жаштагы.

 

Эмне болгон, аза күтүп мынчалык?

Жүрчү эле го жүзүн жарык нур чалып?

Санаа чарчап, баш кеңгиреп ой менен,

Бүт түн бою чырм этпеди тынч алып.

Эртеси эрте киши келди Жантайдан:

«Мынча жаттык урмат-сыйга курчалып,

Кайталы эми… бүгүн жолго камынсын?»

Кантмек сулуу? Жутар уу жок бир чалып…

 

Батыш экөө кырга басып келишти,

Кандай укмуш кандай көрктүү көл үстү:

Комузга окшоп чертилишкен булактар,

Сары аскалар өз үйүндөй көрүшчү,

Чөккөн нардай кыркаар жаткан керме тоо,

«О» десең, «оо» – жүз кайталап бөлүшчү

Баары кызык.

Бирок айтпайт Мөөржан,

Сууга чөгүп…Ооба ошентип өлүштү.

 

Арсар басып жонго чыгат коктудан,

Араласа жалтылдаган көк тулаң,

Жай термелип болор-болбос из калат,

Кыз кылчаят уйпаланган чөпкө улам:

«Мен да ушулмун колдон түшкөн мончоктой

Кулай-кулай жыл соңуна соктугам.

Кайран жаштык от өчкөндөй жалп этер.

Көз алдыңа тура калат боз туман.

 

«Туш тарабым тайгак кыя, тар кезең,

Багы кемге турмуш минтип жарды экен.

Дайны чыкпай түпсүз түндөй тунжурап,

Көздөн учат жан кыйышпас жар десем.

Бирок калдың кагылайын тууган жер,

Кайра сени көрөр күнүм бар бекен?

Жок антпейм го… аттиң мынча кең дүйнө.

Акыр келип алакандан тар бекен?»

 

Үйүн карайт: «Чындап таштап кетеби?

Кел!» дегенсип желп-желп этет этеги.

Эртең жатар бейитиндей бозорот,

Бер жактагы үйүп кеткен тезеги.

Кош уясы, кыйбас алтын бешиги,

Кайгы, шаты, эркелиги кечеги,

Ошондо өткөн… Жаштык ойноо курагы,

Сүйүү курап… аны ураткан кезеги.

 

Көктүк кылып ажал артка сүрүлбөйт,

Марттык кылып өмүр «койчу тирил» дейт.

Анан экөө салгылашып кетишет.

Үмүт муну бир илсе да, бир илбейт.

Адам ээлеп жер менен көк ортосун,

Бороон күнкү жалбырактай дирилдейт.

Анан дагы,

Алдындагы чоң дайра,

Айбат берип, арстанга окшоп күрүлдөйт.

 

Сен бара бер, мен калайын Батышжан,

Жок кое тур, бак-таалайым Батышжан?»

Өбөт, өбөт, коё бербей буркурап…

Бармактайдан бар сырларын катышкан,

Ынак досу, жан кыйышпас көмөгү,

Күлсө күлүп, ыйласа ичи ачышкан.

Эрте болуп махабатка аралжы,

Өзүн тоскон, коркунуч барда а тыштан.

 

«Каяктасың, каяктасың, э Болот?»

Жооп катпайт же бир кокту, же колот.

Сүйүү чиркин ширин белең, уу белең,

Кызды минтип кыйнабасаң не болот?

Көрдөй түндө жалт деп учкан жылдыздай,

Сүйүү элеси бир тартылып жоголот.

«Ай кашка суу, мен да кошо жөнөйүн,

Шарга ургулап, сай ташындай тоголот?

 

Жеткирип сал сонун Соң Көл төрүнө,

Жатпасам да көл түбүндө көрүнөө,

Шыбыр кагып, азоо толкун жар салсын,

Бирде жанып, бирде толкуп өрүлө:

«Тоо бетинен шарт кулаган көчкүдөй,

Бут коё албай бул турмуштун өрүнө,

Арманда өткөн муңдуу шордуу эле» деп,

Аяр болсо ак куу келсин көрүмө…

 

Малчы келер, жылкы өрүшкө топтолор,

Желе кагып азоолорун ноктолор,

Шопоң желген ашыгыштуу жолоочу,

Ат чалдырып ал да кечте токтолор,

Салкын түндө көл жакалап серүүндөп,

Кыздар басар,

Боз уландар шоктонор…

Эчен ирет дарак кийми жаңырар,

Бирок мени эскерер жан жок болор?

 

Мейли, мен да доо кыла албайм зарыла,

Көрбөс сыйдын жоктугуна, барына,

Калсам болду тунук бойдон, ак бойдон,

Текке умтулуп, теңирим бөлгөн жарыма…

Бүттү, мына,

Көбүк чертет көк ирим,

Тең бөлүнүп ортосунан жарыла.

«Ай, ай, кантет?!»

Мөөр күтпөй бой урат,

Күңгүрөнгөн дүлөй толкун шарына…

 

Тирешет бейм алптар алгыс күч менен,

Ой бүлбүлдөйт «бир түшөрүн түштү элем,

Неге аманмын? Мүмкүн өлдүм, ким билет?

Же бул чыгар өңдө көрчү түш деген?»

Кыз акырын кирпигинен баш багат:

Баян экен – аңдып жеткен из менен

Кайра шылк деп эстен тана күбүрөйт;

«Жашоо сен да – жаза тайым иш белең?!»

 

Айыл жакта Жантай белен кайтууга,

«Ак Мөөр кайда? Түшкөн дейби кай сууга?

Апкел бери… эрке кызды атка сал!

Адил келсин кеби бардыр айтууга?!

«Калың десе биз деле? … дейт Келдибек.

«Кур калбаңыз, айтып жатат бай туура?»

Кыз атасы кырчоосуна тырмышып,

Онтоп жатып үй жанынан жай тура:

 

Басып келди: «көрдүң Жантай алымды –

Бак-жылдызым бүгүн көктөн алынды,

Эми мага тирүү калып не опо?

Өлтүрүп кет – бергениң шол калыңды?»

Байкуш карып, боздоп ыйлап өңшөңдөп,

Башына ороп – чылбырына чалынды.

Жантай чоочуп «йэ Келдибек, Келдибек,

Жогот» деди, бул өлөрман чалыңды?»

 

Ал аңгыча Маржан келип жармашты,

«Кордо кана, биз шордууну, жапмачты?!»

Чачын алып тизгинине байлады:

«Сүйрөт ылдам!» Жанды өлүмгө арнашты.

Ага болбой Келдибектер, Баяндар,

«Кеткиле» деп сакал, чачтан кармашты.

Күңгүрөнүп айлана журт кошо ыйлап,

Жүрөгү үшүп балдар карап жардашты.

 

Кыйрап бүтүп качмак, өлмөк далбасы,

Эси оогондой, кармагандай талмасы,

Мөөр келди… жат колунда шалактап.

Өчүп бүткөн ак ыраңдын алмасы.

«Кой көрбөчү?»

«Кой ачпачы?» дегенсийт,

Жүзүн жапкан көөдөй кара чалмасы.

«Мөкүшүм ай, кагылайын эркем ай,

Минтип таштап… энеңди отко салбачы?!»

 

Үнгө умтулду, өйдө турам деп эчен,

«Байкуш апам, кантип калган кебетең?

Эмне таптың, мени өмүргө апкелип?

Кыз курусун. Кыз деген бир кеп экен.

Мен ыраазы, ак сүтүң кеч апаке,

Балаң үчүн мээриң чалкар кең экен.

Кош бол эми…

Көрөбүзбү, жокпу же,

Олдо менин муңдуу байкуш, энекем?!»

 

Эне туруп арбак мисал үлдүрөп,

Кайра кулайт… алсыздыгын билдирет.

Жантай буйруйт: «Бириң кызды коштоп ал,

Тарткыла алга! Булар менен ким жүрөт?»

Козголушту… Калган айыл «Чур!» этти,

Кара жер да кошо үн катып күңгүрөп.

Ый, муңдарды боору ачыбай баскансыйт,

Кең талаада төрт аяктар дүңгүрөп:

 

«Кой жатса ээн колотто,

Короого бөрү толот ко?

Кошподуңбу кудурет,

Коюндашкан Болотко?»

Сүйүү – ушул, кээде отуна кактамак,

Кээде таштай салкындыгын сактамак,

Нелер болбойт катмарында турмуштун…

Мезгил эмес, бирок аны тактамак.

Кызды кара: үмүтүнө кеч кирип,

Өпкө кагып, бүлк- бүлк этип ак тамак,

Жиби үзүлүп чууруп жаткан берметтей,

Ат жалына жылп деп жылуу жаш тамат…

 

«Соң-Көлдүн башы тал менен,

Соодагер өтөт мал менен,

Солкулдап ыйлап баратам,

Соолуган Жантай чал менен!..»

 

Адам эмес, аз бүлбүлдөп ат эле,

Көч карааны өчүп барат бат эле.

Анын мында бардык берип кеткени:

Көздүн чели, көкүрөктүн дарты эле.

Ботосу өлгөн боз ингендей зыркырап,

Кан шимирип кала берди ата-эне.

Анан кантет, айыбы жок Ак- Мөөр кыз,

Ай, Күнү эле, алпечтеген заты эле…

 

«Кең-Колдун башы тал менен,

Кербендер өтөт мал менен,

Кейип ыйлап баратам,

Кемшейген Жантай чал менен!..»

 

Ыйла комуз, шолокто

Нарын! Нарын! Тоолор калып кучакта,

Өз төшөгүн корумдардан бычат да,

Мойнун созуп булуттарга күбүрөп,

Таш бөктөрүп бөксөлөрдө учат да,

Асманды эмген аскаларга урунуп.

Чын күч келсе – кол сермелип бычакка,

Тоноп алып жолдон чыккан көп сууну,

Ыркка көнбөй көшөргөнсүйт бу чакта.

 

Нарын! Нарын! Атырылат жазганбай,

Атакага алптар беттеп баскандай.

Капталды эшип, буусу чыгып күрпүлдөйт.

Изи менен тарыхты өзү жазгандай,

Же Саякбай «Тай торуну чаптырып»,

«Чоң Казатка» жалпы аттантып жаткандай.

Улуу дайра, чама барбы болбосо,

Көлөмүнө айкөл «Манас» баткандай?!

 

Үч-төрт атчан туруп бийик жарында:

«Сапар алыс… таштап өттүк таарынба,

Кары энеке, батаңды бер?» дегендей,

Кылчак-кылчак карап алып Нарынга,

Жөнөштү алга…

Кечигишкен жолоочу,

Желип – жортуп ылдам жүргөн арымда,

Соң-Көлдү ашып, жетчү жерге токтошту,

Жортуулгабы – жоо жарак бар барында?

 

Мына бири жонго чыкты бастырып,

Кайра чапты, анда карап аз туруп.

Издейт, жоктойт, жай табалбай куюндайт:

«Эмне болгон?

Бул не деген азгырык?

Келсе жан жок, жайдак калган көл жатат.

Айныдыңбы махабаттан баш буруп?

Алдадыңбы кайра оролор деп күтпөй?»

Боздойт Болот тебетейин ташка уруп…

 

Кыз талашкан түнкү урушта баягы,

Келтек тийип майып болгон аягы,

Жазылсын деп Кара – Кужур жеринде,

Апта жатты…

Сылтыйт колдо таягы.

Бул ортодо «Көл муңканып кетти» деп,

Бай да көчкөн …

Куртка төрдүн аягы,

Купкуу жатат, кулак, мурун кескендей,

«Кайда дүйнө? Эмки үмүтү саябы?»

 

Бул желе боо, каккан казык… а турат,

Жылкы кыйы, кой тезеги бапырап,

Жатат мында сынган уук, сыканак,

Сөөк калган, кийиз калган жапырак.

Бирок жан жок.

Жортуп турган жел гана,

Эски журтта күлдү эзгилеп сапырат.

Өмүрү көзгө жаш албаган эр жигит,

Ыйлап ийди…

Кантип ичке батырат:

 

Мастык-боздук, кур ойлорун таратып,

Мезгил буга жоктон сүйүү жаратып,

Алгачкы ирет томогосун тартканда,

Махабаттын тоолоруна каратып,

Буйрук экен. Ак Мөөрүнө туш келди,

Жаштык доорун жаңы аралап баратып.

Ошол бойдон сүйүү болуп данакер,

Бөлбөс деген тагдыр огу жара атып…

 

Кездер эле жеткире албас тил менен,

Бирок алда эмне барын билбеген,

Кыз берди эле: жароокерлүү кыялын,

Ак жамалын, эч ким эрди тийбеген,

Үшкүрүнгөн, улутунган чактарын,

Жаш сүйүүсүн, ажалга баш ийбеген,

Тынч күлкүсүн, күндү уялта карашын…

Ойлой келсе дене калбайт күйбөгөн…

 

…Сапарына шашпай жаңы күч курап,

Тоого токтоп үргүлөдү түшкү убак.

Төр – төрлөрдө түн күзөтүп кайыккан,

Жылкычы калк жылгалардан түш чубап…

-Кана жигит, кайрып койчу бир күү – деп.

Комузчуга колко түшөт бүт сурап.

Мындай жерде жок деп айтыш болобу.

Диң – диң…

Дың – дың…

Тилге кирет үч бурак.

 

Кайра токтоп чече салып чепкенин,

Карап көрүп ордун оңдоп тепкенин.

Билгенден соң үч кыл бирдей үндөшүп,

Толгоолору эми ийине жеткенин,

Кош кол бийлеп элпек гана ийкемде,

Лепилдетип алып жөнөйт чертмегин,

Ар ким ичтен «а тиги экен» деп билет,

Айтпаса да кайсы күүнү черткенин.

 

Алыс кетсең ич кыйытып саматат,

Жакын жүрсөң сырдашыңдай санатат.

Анан минтип ал да сайрап турганда,

Моокумунан бир татсаң да кана тат.

Күү канчалык угууга оор болсо да,

Билинбеген бир жеңилдик жаратат.

Ал анткени ыргагына жан көөшүп,

Бой чымырап, дарман калбай баратат…

 

Күү күчүнөн такылдаса капкагы,

Окшоп кетет аттын салган таскагы.

Чынында да мукам тилдүү бул комуз,

Чебер колго тулпар белем таптагы.

Тулпар болсо кур кечигип не керек,

Алып чыгып… арылдата чап дагы.

Көңүл толо сагынчы бар кызга бар,

Алыс – алыс көздөн далдаа жактагы…

 

Ойгонордо, таң кылайып атарда,

Же магдырап жай түнүнө жатарда,

Махабатка эркелечү жароокер,

Жүрөк зырп деп алар бекен капарга?

Кыйын экен мезгили жок айрылуу,

Тартып кетсе жаңы балын татарда,

Комуз боздоп кайруулары кайгылуу,

Калкып жөнөйт кайдагы бир сапарга.

 

«Кош бол, кош бол жайдын жашыл айлары,

Жакшы үмүткө мээрими жок жайдары.

Мен сүрдүгүп курчтугумдан мокодум,

Качкан куштай узап жаштык сайраны.

Турмуш чиркин алганынан айныбас,

Айныр болсо – кайда намыс, кайда ары?

Кеткен сүйүү – кеч күз менен тең экен,

Коосу аңгырап, какшып калган сайлары…»

 

Кол ойдолоп дирилдеген канатча,

Бирде кайкып, бирде кырын жанат да,

Беш манжаны кезек менен чубатып,

Кыл тергилейт, сан кошконсуп санатка,

Күү тетиги улам сиңип сезимге,

Мукамына кулак курчу канат да:

Кыял эргип, тууган жердин элеси,

Көз алдыңан өтө калат заматта:

 

Кештелерин сан түр менен ойгондой,

Өрүш көрктүү өмүр сугу тойгондой.

Бирок анын неге опосу тайкыраак?

Ойлор кайтат, издеп курчун жойгондой.

Комуз коштоп кайра алыска алпарат.

Дүйнө тынат тунжуроодон ойгонбой,

Бир сапарга суу да өзөндө мостоет.

Тентек шарын күүгө алдырып койгондой.

 

Соң – Көл мына жарга тийип шарактап,

Дир-дир этип кайра артына араактап,

Шартылдатып тынбай ачып жаткансыйт,

Замандардын тарыхтарын барактап…

Барагында өтүп жаткан өмүрлөр –

Бүгүнкүсү эртеңкисин карактап.

Анткен сайын көл көшөрүп буркандайт,

Буркандашы – муңун сыртка таратмак.

 

Таңшы комуз тоо арасын арыткын,

«Тагдыр мени кайсы энчиңе жарыттың?

Туз издеген тоо эчкидей жар бойлоп,

Таалай тиктеп, карегимден карыктым.

Кол сыйпалап түпкүрүндө күңгүрөйм,

Жарымы кара, жармы күүгүм жарыктын…»

Күүнү тыңшап кыр башында кыңылдап,

Койчу олтурат көгүн тартып чарыктын.

 

Кыргыз элдин сыймыгын да, сыйын да,

Аз кубанчын, кѳп азабын, ыйын да,

Тең бөлүшүп таңдай жанып так катып

Жеке үлпөттө же бир болгон жыйында

Замандарга сайрай келген муңкана,

Комуз жолу – урматтуу да…кыйын да…

Анда эмесе таңшы комуз,

черт комуз,

Алыска бар, абаныңдан тыйылба…

 

Эч бир күч жок багытыңан майтарар,

Турмуш – деңиз жыл артынан ай тамар,

Суу кечкендей чыйыр салбай соңуна.

Биз кетербиз – жан түйшүгү жай табар.

Сени урматтап колдон колго бергенбиз,

Карыр болсоң жаштыгыңа кайра бар.

Ачып кирип эртеңдердин эшигин,

Биз көтөргөн тарых датын айта бар.

 

Күйүп – бышып – чок – жалыны жок отко,

Көптү өткөрдүң, көргөндөрүң жоготпо.

Жыл суз тартып, кышы кыздай төркүлөп

Талаа озондоп, күздө бороон соготко,

Дал ошондой сен армандуу күңгүрөн,

Акыр бир кез жетчү жери болотко?

Каңырык түтөп, сай сөөк кошо сыздады,

Ыйла комуз, өксө комуз, шолокто…

 

Алпар алга кечикпейли деп сүрөп,

Мезгил – шашуу, эртеңине жеткирет,

Намыс болбой адам кайдан чыйралат,

Суурулбаса кылыч кында эскирет…

Жел катуулап, боз булуттар удургуп,

Жакын жерде добул барын сездирет.

Кордук көргөн эр азамат ызалуу,

Кастык жайган торун жыртат кескилеп…