Проза

Сүйүн Курманова, жазуучу: “ АЙЛУУ ТҮН”

Аңгеме

– Байке, ушул айылдыксызбы?

Баштык көтөрүп бараткан киши шаардыктарча кийинген эки кыздын суроосун угуп токтой калды.

-Ооба, эмне экен?

-Эчтеке деле эмес, биз… бир кишини издеп келатканбыз.

-Ким деген киши?

-Анарбек.

-Кайсы Анарбек?  Биякта Анарбектен үчөө бар.

Тиги киши баштыгын жерге коюп кызыга карап калды.

-Карасартов.

-Аа, Анарбек байке турбайбы. Аны эмнеге издеп жүрөсүңөр?

-Жөн эле.

-Капырай, карыган эле кишини эмнеге издейсиңер? Айтпайсыңарбы?

Тиги кишинин такып сураганына ыңгайсыз болгон кыздар бири- бирин карап баштарын жерге салып калышты.

-Кайдан келатасыңар?

-Мен Бишкектен. Бул- Москвадан. Байке, тиги кишинин кайда жашаганын айтып коесузбу?

-Ой эмнеге издеп жүргөнүңөрдү айтпасаңар анын үйүн кантип айтам?

Кыздардын улуураагы кыңырылып атып “ ал биздин атабыз” деди угулаар-угулмаксан.

-Я? Экөөң теңби?- тиги киши чындап таң калды.

-Аа,-деди бир кезде, -чын эле Анарбек байкенин биринчи аялы кетип калган да! Ошондо силер да… Чоңойгон турбайсыңарбы, айланайындар… Керилген сулуу кыздар болгон турбайсыңарбы! Силер мындай кылгыла, мен азыр жакын тууганыныкына алып барайын, ошол ээрчитип барбаса атаңарды өзүңөр таба албайсыңар, жүргүлө

Айла-анайын алтын кыздарым! Мына, байкеден уул болбосо да ушундай сонун кыздар  бар турбайсыңарбы! Атаңар аябай сүйүнөт болуш керек. Азыр кыздар эле жыргатып жатпайбы!

-Байке, атабыз эмнеге тоодо жашайт? Малы көппү?

-Ошону билбейм, малы деле эл катарлуу эле го.

Телефонун билбейсизби?

-Жок, телефонун деле билбейм, элге көп кошулбайт, жакшылык жамандыкка келбейт.

-Айылда үйү жокпу?

-Бу киши илгери райборбордо турчу. Кезегинде укмуш киши болчу да! Ишти мына ушулар баштаган. Катуу байып кетиптир деп укканбыз, анан эле кайра тоодо жашап калды.

Баштыкчан киши  көчөдөн көчөгө өтүп, кыйла баргандан кийин жашыл дарбазаны какты.

-Эй, Жеңишбек, чыкчы бери, коноктор келди.

Ичкериден чыга калган узун бойлуу киши кыздарды таң кала карап турду. –Ой, булар карындаштарың экен. Туугандарын издеп келатышыптыр. “Атабыздын үйүн көрсөт дейт, акең  тоодо болсо  кантип тапмак эле, жеткирип кой.”

“Келгиле” демиш болгон кара киши оозу бош унчукту.

-Байкем тоодо, киргиле, үйгө, нан ооз тийгиле…

Кыздар босогону аттап, кире бериште туруп калышты.

-Эмне болду ия, бу кимдер экен?- төркү бөлмөдөн чыга калган аял кыздарды баштан- аяк карады.

-Анаш байкенин кыздары экен, үйүн көрсөтүп кой деп келишиптир. Мен машинени от алдырайын, жашыл күрмөмдү алып чыкчы.

Аял ишенээр- ишенбесин билбей саамга турду да кайра ичкери кирип кетти.

Машине зорго от алды.

“Картөшкөгө минген машине, эптеп отургула эми”.

Үчөө айылдын этегине чыкканча унчугушкан жок.

“Жеңем кеткенде мен он жашта болчумун. Кайда качып кеткенин билбей калганбыз. Бирок анда бир эле кызы бар болчу...жолду тиктеп дулдуйган жигит аста күңк этти,-Мен ошондо эки айлык боюнда болуптурмун, – баятан кызарып- татарып, кыйпычыктап отурган кичүүсү  шарт эттире айтып калды .

-Силерди издейли десек апам катуу ооруп, оңоло албай кайтыш болуп калып, ошо бойдон тынып калганбыз.

– -Апам эмнеге качып кетти эле?-улуусу аста сурады.

-Уруп-сабап атса кетет да. Башында сонун эле жашашчу. Анан байкем чет өлкөдөн келгенде мындай эле бир тууганыбыз “сен жокто аялың ойда жыргады, сенин көзүңдү паланча  тазалайм деп жатыптыр,жыйган-тергениңдин баары ошонуку болот экен” деп коюптур.

Ага ишенип байкем тиги кишини… кыскасы жазасын өтөп келгенден кийин баарынан четтеп тоого кеткен…

Эскилиги жетип, чаң баскан машине менен карагайлуу капчыгайга бир саатта келишти.

“Суудан өтө албайт эми, жөө кечиш керек”.

Кыздар туфлилерин колдоруна кармап, багалегин түрүп сууга кирген  кишинин артынан жөнөштү. Тоонун суусу сөөктү жарып жиберчүдөй муздак экен.

Аркы өйүзгө өтүп имерилиштен бурулганда  шыбагы урап ала телек болгон токойчунун үйү көрүндү. Алда кайдан эле каңкылдап үргөн иттин дабышына чыга калган аял келаткандарды тиктеп калды.

-Ай, кимсиңер силер?

-Жеңе, байкем кайда, сүйүнчү алайын.

-Байкең малга кеткен, эмне сүйүнчү экен?

-Кыздар келиптир.

-Кайдагы кыздар?

-Өзүнүн кыздары!

Аял эми эки кыздан көзүн албай туруп калды.

-Ой, үйгө кир дебейсиңби жеңе!-муздак сууга колун чала була чайкаган айддочу аялдын жообун күтпөй эле далиске өттү.

Аялдын өңү бузула түшкөнү байкалды.

-Киргиле- демиш болуп эшикти ачты.

Үй караңгы, өнүп кеткен картөшкө жыттанып, жагымсыз экен.

-Байкем качан келет?-деди коштоочу шашкандай.

-Ой качан келээрин мен кайдан билейин! Сен да бир кызык неме экенсиң!

Аял силкинип чакадагы суудан чөмүчкө сузуп, чайнекке куйду.

-Кой, анда, мен шашып аттым эле, кете берейин, жумуш көп, жарма болсо берсең.

Аял нан ооз тий демиш болуп узатып чыкты.

-Айии, коркунучтуу го ия? Кайра эле кете берсекпи?-кыздардын кичүүсү үшүп аткандай бүрүшүп шыбырады.

-“Атамды табат элем “ деп жанды койбой атчу эмес белең эми биротоло күт. – Эжеси сиңдисин зекип койду эле тиги унчукпай калды.

Эшиктин алдында эркектин ырзыңке өтүгү, чоң челекте бозонун шагы, текчеде керосин чырак турат. Дубалдагы чоң мыкка аскерлер кийчү чаар шырымал илиниптир, буттун алдына салган таардын өңү билинбейт. Кичинекей терезеден түшкөн алсыз шоола үйдүн ичин ого бетер үңүрөйтүп, эски дивандан тамеки менен шыбоонун жыты урат.

-Кайдан келдиңер?-деди кайра кирген аял.

-Мен Бишкектен. Бул Москвадан. Эже, силерге кичине базарлык ала келгенбиз.

“Базарлык” дегенди уккан аял башын буруп карап калды.

-Москвада эмне иш кыласың?- эшиктин алдындагы темир мешке коюлган чайнек зыңылдай баштаганда аял сурап койду, – акча көп табасыңбы?

-Жакшы эле. Басмаканада иштейм,-деди кыз.

-Атың ким?

-Жээнгүл. Мени апам төркүнүндө төрөптүр, ошон үчүн таэнемдер ушинтип коюптур.

-Сеники ким?

-Меники Айжан.

-Сен эмнеде иштейсиң?

-Жөн эле, соода кылам.

-Жаныңарды бакчудай эле экенсиңер, анан эмне атаңарды издеп жүрөсүңөр? Ой, мунун эчтекеси жок, мына ушинтип элден безип талаалап жүрөбүз.

-Эже, бизге эч нерсенин деле кереги жок.

-Ой билбейм, каадалуу атасы бардан бетер издегениңерди айтам… Кишидей болсо энеңер менен эле жашап, эл катары бапырап отурбайт беле? Куужумалдыгынан ушинтип безип жүрбөйбү, же теңтуштан жок, же туугандан жок, же баладан жок. Муну менен теңдер куда күтуп, небере үйлөнтүп калды. Тигине, келатат, өзү…

Аял эшикке чыгып кетти. Анын артынан бою зоңкойгон, олбурлуу, чачы буурул адам кирип келип босогодо туруп калды.

Кыздар кудум киши кийикти көргөнсүп чочуп кетишти.

-И, -деди ал ийнин купшуң эттирип,-кайдан келип калдыңар? Энеңер жибердиби же өзуңөр келдиңерби, ия?

Кыздар кылмыш үстүнөн кармалгандай куушурулуп отуруп калышты. Атасы менен жолугушуунун миң бирин турүн элестетишкен, бирок мындай болот деп ойлошпоптур…

“Ата, бул белекти мен сизге алып келгем. Мен сизди дайыма түшүмдө көрчүмүн. Бир жолу сууга чөгүп баратканда сиз тартып алыптырсыз. Бир жолу ит каап алаарда сиз келип калып… Мен сиздин батаңызды алайын деп келгем”…

“Ата, мен акча чогултуп сизге машине алып берейин деп жатам. Кандайын каалайсыз, оң рулдуусунбу же солбу?”

“Ата, биздин тойлорубузда жакшынакай болуп төрдө отурсаңыз…”

“Ой айланайындар, мен да силерди сагынып, күтүп жүрбөдүм беле” деп жашып кетмек…

-Өй,-деди атасы бир маалда   аялына,-  кашка  койдун буту аксап калыптыр, таңып кой, эртең жайытка чыгарбай эле коюш керек. Торпок энеси менен эле жайытта калды. Энеңди урайын мен сага канча жолу айттым, ылдый жактан малга дары ала кел деп, далактап кыдырып кетип, дайыма унутуп келесиң…

Анан кыздарга бурулду: -Биякта орун жок, эмнеге келдиңер? Энеңерден жакшылык болбогон  мага силерден жакшылык болот беле? –лөкүлдөгөн эркектин үнү эми катуулай баштады, -келесоо энеңер жер үлүш алам деп ойлоп атса керек, муруна суу жетти да эми.  Мен ал жерди эчак эле сатып ийгем, ага кара таштын түбү да жок!  Ошентип айтып баргыла!

-Апам биздин биякка келгенибизди билбейт!

-Анан эмнеге келдиңер темселеп? Биякта силерге суутуп коюптурбу?

-Биз атабыз бар экен деп келгенбиз! –Улуу кызы туттугуп араң сүйлөдү,- силердин жериңердин бизге кереги жок ! Иши жүрүшө турган киши атасынан бата алыш керек дегенди ойлоп жөн эле келгенбиз. Бизди  тилдесеңиз тилдей бериңиз, апама сөз тийгизбеңиз!

Кичүү кызынын өңү бозоруп, көзүнөн жаш тегеренди.

-Ыйлаба!- деди эжеси  үнү буулуп. Биз ыйлап бүткөнбүз.  Жүрү, кеттик!

Кыздар ордуларынан тура жөнөштү. Эки жоолукту кабаттай салынган аял буларды үндөбөй карап турду.

-Кетмектен кеткиле, албарстылар! Көп болсо энеңердей жалап болоорсуңар!

Артынан айтылган уу  сөздөр атылган октой эле тийип, кыздар чуркап жөнөштү. Капчыгай ичи караңгы болуп жүрөктүн үшүн алып дүңгүрөп туруптур. Кыйла жерге чейин чуркап барышып, сууга жеткенде туруп калышты.

-Кантип кечебиз? Кайда барабыз? Карышкыр болсочу?-сиңдиси ызылдап жиберди.

-Көп сүйлөбөчү!-дегени менен эжеси да ойлонуп калды. Түн коюланып барган сайын коркунуч басты.

-Жүрү,- деди эжеси бир маалда.

-Кайра кантип барабыз?

-Кой короосунда отуруп туралы, жарык түшкөндө кетебиз.

Кой камаган жери жылуу экен. Эки кыз кыйшайып калган коого эски таарды салып кучакташкан бойдон отурушту.

-Үшүгөн жоксуңбу?-эжеси сиңдисинин ийнинен кучактады.

Сиңдиси жаагынан ылдый сарыккан жашты билгизбей аарчып, “ апама экинчи сен бизди атасыз кылгансың деп айтпайм” деди.

Мен деле келбейт болчумун, сен эле  кичине кезиңден бери   “ атам каякта?” деп сурай бергениңден  жок дегенде бир жолугуп келеличи дебедимби… Апамды мен да эми түшүнүп жатам…

-Бир жолу  ооруканада жатканымда биздин палатадагы кыздын атасы келип “эмне алып келип берейин, алтын кызым?” деп кечке  кучактап эркелеткенин көрүп ары карап алып аябай ыйлагам . Ошондо менин атам деле ушу кишидей болсо керек, апам айткандай алыс жакка кетип келе албай жатса керек, бир күнү келет деп ойлочумун… Сиңдиси күнөөлүүдөй башын эжесинин ийнине жөлөп, үнсүз жаш төктү.

Жайкы түндүн керимсели эже-сиңдини сооротконсуп улам сылап- сыйпап өтөт.

-Ээй карасаң, Айды!- эжеси  бир маалда тоонун ары жагынан чыгып келген эбегейсиз  чоң Айды көрө койду,-Апиий, мынчалык чоң Айды көргөн эмесмин! Укмуш экен!

Алоолонгон Айдын нуру  эже-сиңдинин көкүлүнөн сылап, жылытып жаткансып бир башкача балбылдап турду.

About the author

Жазуучулар Союзу