Поэзия

РЫСБАЙ ИСАКОВ, КРнын эл артисти:

АЙЫЛ МУЗЫКАСЫ

 

Илгерки-и бир зикир чалган шамандай,

Иттер үрсө түн жаңырта арсылдап.

Эрте менен азан айтып жаткандай,

Эшектери обон созот заңкылдап.

 

Койлор ырдап коңур үндүү хор менен,

Уйлар мөөрөйт арияны айткандай.

Аргымагы солист сымал кишенеп,

Актриса болот эчки шайтандай.

 

Таранчылар конгон токтун зымына,

Ноталардай сызыктарга тизилген,

Чаташтырбай дирижёрдой башкарат,

Чабалекей – дирижёрдой кийинген.

 

Ооз комузун чертсе таңда чегиртке,

Ойгонушуп, ишке кетет аталар.

Арабасын айдап бара жатканда,

Оркестрдей чак-чук этет такалар.

 

Шыңкылдашса сууга келген жеңелер,

Шыңгыр-р этип обон коштой чакалар.

Бейгам жат деп, бешик болуп терметип,

Бейпил түндүн ырын ырдайт бакалар…

 

БЕЛГИСИЗДИКТИ ИЗДӨӨ

 

Бейдарек кеткен сүйүүм,

Бейтарап жолго чыктым издеп сени.

Бейжайлуу ызы-чууда,

Белгисиз кай тараптан издеп келүү.

Бейпилдик бербес жанга,

Беймаани балким, сени издеп деги…

 

Дарексиз махабатым,

Даргүмөн дал ушундай жолдо турам.

Дайрадай күргүштөбөй,

Дабышсыз каптап кирип ойго туман.

Даргөйлүү далбас урган,

Дайынсыз күндөрдү издеп жолго чыгам…

 

… Эртеңи жок өмүрдөй,

Элеси дуушар болгон унут күнгө,

Эх, ошол баёо дүйнө, тунук дүйнө!

Ээликтеп албай не деп,

Энчисин бүт өзүмө буруп мүлдө.

Эңгиреп турам бүгүн,

Эчкирген көз жашыма куруп дүйнө.

 

Ызы-чуу түшкөн күндө,

Ый болуп тунат улам көз карашым.

Ызалуу бойдон анан,

Ыр издеп, кезип жүрсөм сөз талаасын.

Ый сунуп ыр ордуна,

Ырыскым кыйып, Тагдыр, өчтү аласың.

 

Сыйрылган жүрөк мына,

Сындырган сүйүү шагын тагдыр мына.

Сый кылбай кечээгиге,

Кумарсыз бүгүнкүгө,

Кунарсыз өткөн күндүн бардыгына,

Курдаштар, кайгыргыла.

Анткени, айыптуумун…

Айбым мына;

Ашыктык сезимине жооп бере албай,

Апкаарып, жол бергемин айбыгууга.

Ал эми азыр болсо,

Ал күнгө мүмкүн эмес кайрылууга.

Айы жок, сокур түндүү багытымда,

Азаптуу башты салгам кайгы-муңга.

 

Тумандуу чар тарабым,

Туңгуюк азыр менин бараар жагым.

Тушуккан түпсүздүккө,

Тун сүйүүм, бир жоголдуң, таба албадым.

Турмушта экинчи ирет,

Туш кылбас тагдырыма бар арманым…

 

Кечээги махабатым,

Келсеңчи кечээгидей жапжаш бойдон.

Кез келсин от жагышып,

Кечинде Кадыр Түнгө максат койгон.

Келет деп сени күтүп,

Кейишке түшкөн сезим «ак чач» болгон…

 

Бул мезгил сени күткөн,

Буйруктуу бир а-аз жылды камтыса да.

Бурулбас мезгил-дайра,

Зуу коюп бир кылымга камчы сала,

Бир кылым күттүргөнсүйт…

Бир кылым жүргөнсүйсүң артың сала.

 

Мен дагы кылым санап,

Менсинген тагдырыма каршы турдум.

Мөлт этсе көздүн жашы,

Мезгилдин көйнөгүнө аарчып турдум.

Мен сени таппайт окшойм…

Мейли эми… жакшы калгын, жакшы курбум…

 

БАЛАЛЫКТЫН АМАНАТЫ

 

… Түйшөлткөн ойлор анда ыраак болчу,

Түшүмө жылан дайым ынак болчу.

Анан мен ал түшүмдү айтып берсем:

«Жылан – бул, байлык болот!» – деп чоң энем,

Жылмайы-ып маңдайымдан сылап койчу.

 

Чоң энем кээде мага көлүк болуп,

Бир адат калган эле көнүк болуп.

Коркутуп мени кээде көзүн жумуп,

Коркутуп оозун ачып, тилин сунуп…

Калп эле жатып калчу өлүк болуп.

 

Анда мен коркуп өлүк өңдү көрүп,

Аздан соң ыйлачу элем өңгүрөнүп.

«Жан кирип» ошол замат чоң энеме,

Жалбарып анан мага коёор эле:

«Жарыгым, мен калп эле көрдүм өлүп»…

 

Каныма ошол адат жороптолуп,

Калыптыр түшүмө да конок болуп.

Өлүмүш болуп калсам чакпай жылан,

Көнүмүш доско айланып атпай жылан,

Түшүм да кетүүчү эле жомок болуп…

 

Ойгонуп, анан түштүн изин улап,

Түштөгү байлыгымды калсам сурап:

«Балам а-ай, садагаңа чабылайын,

Балалык – өзү байлык, кагылайын!» –

Деп койчу, маңдайымдан өөп, сылап…

 

… Бир күнү энем турбай жатып калды,

Билинбей өмүр күнү батып калды.

Тил сунуп, мурункудай өлөм дебей,

Тирилип, ыйласаңар келем дебей…

Ирмелбей каректери катып калды.

 

Өмүрдө жектеп ыйлап күнүмдүктү,

Өкүрүп, өңгүрөндүм! Үнүм бүттү!

Мен эмес, атам дагы боздоп ыйлап,

Мен эмес, бүт айылым коштоп ыйлап!…

Жоктошту кечээ күнкү тирүүлүктү…

 

Өкүрүк арбактарды козгоп кетти,

Өксүктү толтура албай боздоп кетти.

Теңир да чыдай албай көрүп туйлап,

Турганда жамгыр жашын төгүп ыйлап…

Өлүктү балалыгым коштоп кетти…

 

… Азыр мен балалыктан айрылгамын,

Жаштыктын Жигитчилик айлындамын.

Энемдин ар бир баскан кадамынын,

Изинде калып кеткен балалыгым,

Таптырбай жүрөт мага дайнын дагын.

 

Артынган чоң энемдин жомокторун,

Алтындай балалыкты жоготкомун.

Айдыңдуу жаштык доору сүрүп турган,

Ажалга тике карап күлүп турган,

Азыр мен жашчылыкта коноктомун!

 

… А бирок, түштө көрчү ошол адат,

Азыр да түш дүйнөмө кошо барат.

Ал адат – балалыктын аманаты!

 

КАРЕКТЕГИ ААЛАМ

 

Эки ууртуна түнөткөн периштени,

Эч күнөөсүз жылмайган наристенин,

Көзү менен карасам бул жарыкты;

Арамдыктын изи да байкалбастан,

Аалам жалаң нур менен чулганышты.

Карышкырдын көзүндөй канталаган,

Кан ичердин кареги нурданышты.

Кайра айланып карасам кан ичердей;

Ушул дүйнө ушунча булганычтуу,

Периштелер шайтандап, булганышты…

 

Көзү менен карасам куудулдардын;

Кызык болуп динчилдин жалынганы,

Араң турам күлкүдөн жарылганы.

Ажалга да негедир күлкүм келет,

Артисттенип жаткансыйт анын баары.

 

Артисттердин карасам көзү менен,

Анын баары бейнедей түркүмдөлөт.

Азирейил, Жаналгыч карегинде,

Аалам эми жок болот, бүркүмдөлөт.

 

Көзү менен карасам саясаттын,

Бийлик болуп баарысы парасаттын.

Турист болуп кыялда чабыттасам,

Турат дүйнө тулкунан саякаттын.

 

Кумарчыдай карасам оюм жоруп,

Курган дүйнө бүт эле оюн болуп.

Кудайды да сайсам дейм кумар үчүн,

Утуп калам, а балким, жолум болуп.

 

Кандай болот болду экен ушул аалам,

Кандай экем Теңирдин көзүндө мен?

Деген ойго тушалып турам азыр,

Кай жакта элем туула элек кезимде мен?..

 

Кагылайын, Жарыктык, Тирүүчүлүк!

Калам бир күн чаң болуп мезгилге мен.

Калам бир күн аңгырап, боштук болуп,

Караса жок, кармаса сезилбеген.

 

Антсе дагы өзүңө кайрылаарым,

Айланайын, Табият! Кагылайын!

Акыркы ирет өзүңдү көрөрүмдө,

Алган кезде шум ажал кежигемен.

Канатымды кең жайып асманыңа,

Карап өтөм бүркүттүн көзү менен.

 

 

МЕН КЫРГЫЗМЫН!

 

Өлгөн сайын өөрчүгөн,

Өжөрман кыргыз тукуму.

Өзүн кызыр ээрчиген,

Өнөрман кыргыз тукуму.

 

Ааламды бир кез билген эл,

Ат жалын тартып минген эл.

Ак карлуу тоосун башына,

Ак калпак кылып кийген эл.

Айкашкан жоого заматта,

Алаамат салып ийген эл.

Азаттык үчүн кан төгүп,

Акыйкат үчүн күйгөн эл.

Аздектеп баба мурасын,

Айдыңдуу доорон сүргөн эл.

Атагын укса Кыргыз деп,

Ак Жазган өзү сүрдөнөөр.

 

Абалтан берки дем менен,

Агылган кыян, сел менен.

Айтканда тууган эл-жерди,

Акылым болот көлдөлөң.

Атажурт деми, турпагы,

Айыкпас дартты эмдеген.

Азамат аны бек сактап,

Алакан жерин бербеген.

Андыктан, өлгөн кезде да:

«Атажурт, жаным – СЕН!» деген.

Алп Манас болсом дегенди,

Акылда көксөп, дегдеген.

Ар качан чеке маңдайы,

Ак эмгек менен тердеген.

Ачууга тийген нерсени,

Акыл-эс менен жөндөгөн.

Айрылса дагы жанынан,

Ар-намыс сатып көрбөгөн.

Арыңдан тирүү айрылбай,

А көрөк жоодон өл деген.

Ак калпак Кыргыз уулумун,

Алпкаракуштай сермеген.

 

Кыргызмын, кыргыз Уулумун,

Кыргыйдын коноор туурумун.

Кылымдар кыйрын карытып,

Кыйрабай келген муунумун.

Кыл чайнаш болгон мезгилге,

Кылчайбас намыс жуурудум.

Кыйгактуу найза учунда,

Кыйкырык салган туу мунум.

Кылычтай кармап турамын,

Кыргыздын чылбыр-суулугун.

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу