Котормо

РАФИК ХАЛИТ КАРАЙ “ӨТYКЧY”

 

Түрк тилинен которгон Садык Гавай

(аӊгеме)

 

Жүргүнчүлөр толгон кеме акырын чайпала козголуп, мелтиреп жаткан сырдуу көк мухитти жирей алга умтулду. Ал Мармара деӊизинин асман менен жер кошулуп, мунарыктап жаткан горизонтун көздөй улам узаган сайын калдайган карааны  кичирирейип барат. Ошол кеменин ичинде адам баласынын башына буйрулган эчен-эчен азаптар менен шаттыктарды али көрэлек, аруу дил, акак кыял наристе да бар эле. Аны узаткандар, деги эле, жүргүнчүлөрдү узак сапарга аттанткан адамдар – баары негедир жеӊилдене үшкүрүп алышкансыды…

– Ылайым бала чагы Аравияда[1] бейпил өтсүн! – дешти, айрымдары кайрымдуулук иш жасашкандарына өздөрүн ынандыруу үчүн. Бирок, чындыгында, баарынын эле ичинде  мындай канааттануу болгон жок.

…Ошентип, атадан алдагачан жетим калган Асандын апасы да жакында жарыкчылык менен кош айтышып, аны туугандары менен кошуналары алыскы Палестинага –  «атасынын эжесине барсын» дешип, кемечилерге дайындашып узатышкан эле.

Асандын көӊүлү кемеге адеп түшкөндө көтөрүӊкү болчу. Наристе да… Эми деле куунак баратты:

Жээктеги чырылдан иштеп жаткан жүк көтөргүч крандарга, кандайдыр бир жазуулары бар нандарга, жайылган кирлердей желбиреген үйлөмө кайыктарга, күзөт алмашканда улам кагылган коӊгуроо добуштарына өзгөчө кызыккан анын балалык кыялында  али көлөкө жок, бейкапар, ал тургай бираз көтөрүӊкү да эле.

Асан быйыл бешке толгон. Ал кээ бир сөздөргө так келбеген ширин тили менен палубадагы жүргүнчүлөрдүн да көӊүлүн көтөрө божурап, эрмек болуп бартты. Бирок, чалкыган мухитти жирей зымыраган кеме бирде бул, бирде тигил жээктеги пристандарга токтоп, улам Анадолудан алыстаган сайын аны кандайдыр бир оор кусалык жана күтүлбөгөн кыймылсыздык ээлей баштады. Ар пристанда жүргүнчүлөр алмашып олтуруп, эми жанындагылар да ага чоочун тилде сүйлөй башташкан болчу. Стамбулдагыдай: «Асан, келегой», «Асан, барагой» деген да адам калган жок. Аты да өзгөрүп кеткенсиди: «Хассан», деп, «с» тамгасын чоюп сүйлөп жатышты. Айрымдары: «Таал  хун, йаа,  Хассан[2]», «Рух, йаа, Хассан[3]» дешкени гана болбосо, ага эч ким деле көӊүл бурбай, эми эне тилиндеги сөздөр да угулбай калды.  Кыймылсыздык менен кусалык баскан Асан бир бурчтан бүрүшө орун алды да, эч кимдин сөзүнө көӊүл бурбай, эки бети кубарып, томсоро дымып олтурду.

Бир топ жол жүрүшкөн соӊ, Асанды кемеден поездге которушту.

Поезд чоочун жерлерди тепчий чуркап, апелсин бактарын аралап баратты.

Баланын көкүрөгүн катуу бир нерсе мыжып, тамагына катуу кесек тыгылып калгандай, кыйналып, унукпай, мелтиреп калган эле.

Баштан-аяк  гүл оронгон, жемиштери менен жасана көрктөнгөн көзөл барактар да көздөн кайым болуп, зыгыр эгилген талаалар да сейрек тарта баштады.

Эми поезд боорлорунда эчкилер оттоп жүргөн купкуу, уручуктуу беттери кыйма-чийме жарылган жайдак тоолорду аралап жөнөдү. Эчкилер ушунчалык кара: окшоштураар эч нерсе жок капкара эле! Жүндөрү жаӊы автомобилдин бойогундай, кызгылтым нурлуу күн алдында «жарк-журк» деп жанып жаткандай сезилди балага.

Бул көрүнүш да бүттү. Эми алар көз жоосун ала суналып жаткан түздүккө чыгышкан болчу: Бул жерде же дарак, же дарыя, же үй болсочу… Анда-санда гана калбаат чоӊ жаныбарлар көзгө урунат. Буттары абдан узун, сөлөкөтү бийик, жогдору самсалап, жондору дүӊкүйдөн, өркөчтүү жаныбарлар шарактаган поездге карап да коюшкан жок… Ооздорундагы тикенди жуушай чайнап, ачуулуу, чарчаӊкы кейипте бирин-бири ээрчий чубап, оор, бирок жумшак аттап, артына из да калтырбастан, чаӊ да чыгарбастан кетип баратышты алар. Хасан канчалык суроо бербөөгө аракеттенбесин, чыдай алган жок. Жанындагы аскерге аларды сөөмөйү менен көрсөттү. Аскер күлүп:

– Гамел, Гамел[4] – деди.

…Хасанды темир жол бекетинде поездден түшүрүшкөндө мончок-шурулары, маӊдайы, билектери жана кулактарынан бери топ-топ, түрлүү-түрлүү алтындар салаӊдаган, кара «шейшепке» оронгон, бири-бирине бириккен кою кара каштуу, чоӊ кара меӊдүү аял аны тосуп чыгып, көкүрөгүнө бекем кысты. Бул – апасынын кучагына окшобогон калааты[5] бир жыттуу, өтө эле жумшак, ичине тартылып, соолуган көкүрөктүү кучак эле…

– Йаа, хабиби! Йаа, айни![6]

Эжесинин жанындагы аялдар да аны кучактап, өбүштү, анан өз ара сүйлөшүп күлүп калышты. Бир топ бала да келген экен, аны тосуп алышканы. Алар халаттарынын үстүнөн көйнөк-жакет кийип алышыптыр. Маӊдай чачтары ылдый самсаалап турат, баштарында топу…

Асан үнсүз, кыймылсыз… Унчукпаган тейде далай апталар агып өттү…

Араб тилине түшүнө баштаса да, деӊизде баратып кандайдыр бир чоӊ коркунучтан улам дем албоого аракеттенген адамдай, ички кысылууну сезип турса да, үн чыгарбаган кусалуу жашоого адаттана баштады.

Эми анын да белдиги бар халаты, жакети, топусу, кызыл бут кийими бар эле. Чачын колдун алаканындай таза кылып алышып, саамайы чачын ылдыйга самсалатып тарап беришкен. Теридей катуу, тегерек тандыр нанды жегенда да көнүп, жерге салынган дастаркондо тамактанганды, кашык же кичинекей вилка ордуна нанды ороп туруп пайдаланууну да үйрөнгөн.

Күндөрдүн биринде атасынын эжеси-халасы көчөдөн өтүп бараткан кимдир бирөөнү чакырды. Ал эски-уску бут кийимдерди оӊдогон өтүкчү экен.

/йдүн коросуна жедеп түлөп, эскирип бүткөн торбосун жонуна көтөргөн, бир колуна кичинекей олтургучун жана кандайдыр бир темир парчасын кармаган, самтыраган эски кийимчен карыя кирди. Торбосунун оозунан мукаба сыяктуу түрүлө бүктөлгөн териси да көрүнүп турган.

Ал эжеси менен бир нерселерди арабча сүйлөшкөн соӊ, эжеси сөгүлүп, жыртылып, тытылып кеткен бир топ бут кийимди өтүкчүнүн алдына тизип койду.

Өтүкчү чакан олтургучуна көчүк басты. Топурактан салынган жапыз, жепирейген бир кабаттуу пакса-дубал үйдүн ичинде ушунчалык жаны сыгылып жүргөн Асан өтүкчүгө кызыгып карап калды. Асан мукабага окшоткон терини өтүкчү эки мизи теӊ курч, ичке, сапсыз бычагы менен кескенин, оозуна толтуруп алган бир ууч мыкты качандыр бир кезде Стамбулда көргөн маймылга окшоп, бирден-бирден жаагынан бүркө чыгарып, бут кийимдердин таманына өтө тездик менен какканын, тери тасмаларын сууга салып нымдаганын, кир табактагы желимге манжасын малып, тамандарга сүйкөгөнүн, баарын наристелик кызыгуу менен карап олтурду.

Анан бир кезде, кай жерде, кимдер менен олтурганын унутуп, эне тилинде:

– Мыктар оозуӊа кирип кетпейби? – деп сурап жибергенин өзү да билбей калды.

Өтүкчү дароо башын көтөрүп, балага көпкө чейин үнсүз тигилип турду да:

– Түрк баласысыӊбы? – деди, суроолуу тиктеп.

– Истамбулдан келдим…

– Мен да ошол жактанмын. Измиттен…

Өтүкчүнүн сакал-чачы сапсайып, көкүрөгү жагжайып ачык эле. Шымынын тизелери жамачы, тиштери түшкөн, өӊү сапсары болчу. Асан эми анын ишине эле эмес, жөзүнө да көӊүл буруп карап калды:

Көкүрөгүнө сакалындай сейрек буурул бир тутам кыл бар болчу. Тиштеринин жокторунан тили булдурап кайра сурады:

– Сен бу тозок кычыгына кайдан келип калдыӊ, уулум?

Хасан акыл-күчү жетишинче түшүндүрдү.

Анан Канлыжадагы өздөрү жашаган үй тууралуу айтып кирди. Кошунасынын уулу Махмуд менен балык кармаганын, апасы ооруканага барганда метрого түшкөнүн, анан бир жолу оорукананын аппак кылып бойолгон машинасы келгенин, машинанын ичинде жыйнама керебеттер бар экенин божурады.

– А сиз эмне үчүн бул жерде жүрөсүз? – деди анан Асан балалык бойолук менен.

– Бир күнөө жасап коюп качтык да…

Негизинен Хасан сүйлөп жатты. Алты айдан бери тунжураган, мелтиреген, бук болгон Хасан бир заматта жаз жамгырындай төгүлүп кетти…

Токтолбостон, эч кимди тыӊшабастан, сүйүнгөнүнөн бетинин оттору кыпкызыл болуп, назик кристалдай үнү менен божурап сүйлөп жатты. Эсине, акылына эмне келсе баарын айтуудан тажаган жок. Өтүкчү көнүмүш ишин улантканча «охо», «ихи», «ошондойбу» деп, тыӊшап атканын билдирген сөздөр менен коштоп, аны сүйлөтө берди. Эми эч качан жете албас алыста калган ыйык мекенинин дарыяларын, шамалдарын, элдик ырларын угуп жаткандай тунжурап, көзүнө жаш, көкүрөгүнө муӊ толо муюп, тыӊшап жатты карыя. Качанкы өткөн күндөрүн, эми эч качан буту баспас жерлерди сагынып, муун-жүүнү титирей түшүп, эшитип жатты өтүкчү.

…Бир караса бардык бут кийимдер оӊдолуп бүтүптүр. Жерде жаткан темирин алып, жука терилерин шашпай түрүп, жай баракат мыктарын кутусуна жыйнап, капкагын жапты. Желим кабын чүпүрөккө ороду. Булардын баарысын адаттагыдан жай, көнүмүштөн секин жасады да, аргасыз кетүүгө камынды.

Ошондо Асандын жүрөгү титиреп кетти бейм:

– Кетип жатасыӊбы? – деди үнү калтырап.

– Кетейин, ишим бүттү да… – деп бурулуп, баланы карады: Наристе мекендеши, чүрпө журтташы ыйлап жаткан экен. /н чыгарбай титиреп-титиреп ыйлап жаткан экен; жаактан ылдый аккан көз жашы поезд вагонунун терезесинен аккан жамгыр тамчыларындай дирилдеп, мөлт-мөлт этип агып жатыптыр.

– Ыйлаба, ыйлабачы…

Өтүкчү башка сөз таба алган жок. Муну уккан бала ого бетер токтоно албай, деми кысыла буулугуп, анан өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп, сай-сөөктү сыздата озондоп ыйлап жиберди.

– Ыйлаба, ыйлабачы, уулум…

Карыянын катып калган жүрөгү наристенин муӊуна түтпөй, дил  өзөгүнүн ичи да кусага толуп чыкты. Эшикти көздөй кадам таштоого аракет кылганы менен, ордунан козголо алган жок. Өзүн кармай албай, узак өмүрүндө далай азапты көргөн көсөм көздөргө толгон муздак жаш эркке көнбөй, буурул сакалдан ылдый сарыгып, аптаптуу Палестинанын мээ куйкалаган күнүнөн кыпкызыл болуп күйгөн көкүрөгүнө, булак суусундай титиреп барып түшүп жатты…

 

 

[1] Бул жерде «Аравия» делип Палестин аймагы айтылууда

[2] «Таал  хун, йаа,  Хассан» – «Асантай, бери кел» деген мааниде (арабча).

[3] Рух, йаа, Хассан» – «Асантай, бара бер» деген мааниде (арабча).

[4] (төө, төө)

[5] Калааты – странный

[6] (Сүйүктүүм менин! Көзүмдүн нуру)

About the author

Жазуучулар Союзу