Сын

Осмонакун Ибраимов, Адабият айдыңында: эки кубаныч

Каалайбызбы, каалабайбызбы, мезгилдин арабасы баары бир кылдырай берет экен. Аалыкебиз айткандай, дөңгөлөнүп отуруп, кайда барып токтоорун акындар менен философтор эле болжобосо, эч бир жан билбесе керек, чиркин. Кантебиз, кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө бок (бул сөз меники эмес, “Манастан”). Бирдеме чыкса, ушу акындардан чыгат, кызыктуу бирдеме айтса, ушулар айтат деп, былтыркы 2025–жылдын адабий кырманын кыдырата карай келсем, кудайга шүгүр, калемин колдон түшүрбөй, адабият майданын чоң үмүт менен тегерене басып жургөн замандаштар дале болсо тобун буза элек экен. Ушуга сүйүнүшүбүз керек. Баалар асманды чапчып, караганыбыз эч бир калыңдабай койгон  капчык менен акыйтып күттүргөн айлык болуп турган кезде анча–мынча абыгерчиликтерге баш бурбай, калем кармап, китеп чыгарыш –– бул да кубанта турган, жубанта  турган көрүнүш.

Аңдоосуз жерден Абдыганы Эркебаев адабий сындагы эски адатын карматып, сандансанга узарган “Бар бол, адабият!” аттуу  обзордук макаласын (эссесин) чыгарды. Адабий процесс кадикидей жандана түшкөндөй болду. Ырас, азыркы адабиятыбыз үчүн обзор эмес, аз да болсо анализ,  көңүл–ыраага карабай  айтылган так пикир, ачуу да болсо  айтылган сын керек эле. Бирок ошого карабастан, шаа мүйүз сынчынын каймана болсо да айткан ишаараттары, акылдуу адам айтпаса да түшүнө турган жаңсоолору бир топ акын–жазуучулар үчун жакшы эле кеп–кеңеш катары кабыл алынды окшойт.

Мен өзүм  эки  поэзия жыйнагына кадимкидей “ашык” болуп, ошол тууралуу окурмандар менен ой бөлүшүүнү зарыл деп таптым. Эки акын мага акыйкатта да кадимкидей канагаттануу тартуулап, “бар экен го, көрсө” дегендей оптимисттик маанай жаратты. Бири илгертеден бери калем кармап, аты–жөнү элге эбак таанылган “эски” акын болсо, экинчиси али да болсо оозго алынып, чоң тизмеге, атап айтканда, А. Эркебаевдин чоң тизмесине илине  элек “жаш” акын. Табышмактатпай аттарын атайын мынча болду: биринчиси Төлөгөн Мамеев (“Тоолор менен сүйлөшүү” деген китеби), экинчиси Толук Бек Байзак  (“Көчмөн дүйнө” жыйнагы).  Мынча болду дароо эле чыгармаларынан ооз тийгизейин:

Өксөп–өксөп өмүрдө өттүң ыйлап,

Ыйлап келип өмүргө, кеттиң ыйлап.

Буту сынса бирөөнүн ыйлаар элең,

Сен өлгөндө койгон жок эч ким ыйлап.

Атың ташка чийилип оюлбады,

Жылкы турмак, эчки да союлбады.

Табытыңа гүлчамбар оролбоду,

Талаа гүлү мүрзөңө коюлбады.

Болгону жок тирүүңдө таарынарың,

Болгону жок сени эстеп сагынаарың.

Китеп болду жыйганың өмүр бою,

Өмүр бою акчага жарыбадың.

Ал китептен аңтарып доорлорду,

Көөдөнүңө батырдың байыркыны.

Көз жаш төктүң аттиң деп күңгүрөнүп,

Көрсөң мунжу, бактысыз кайырчыны.

Жетим көрсөң адашкан тагдырынан,

Жетер–жетпес бөлүштүң айлыгыңан.

Бир пенде да кабардар болгону жок,

Башыңдагы баа жеткис байлыгыңдан.

Сен аядың, сени эч ким аяган жок,

Адам катар кээ бири санаган жок.

Сен өлөөрдо баягы жетим дагы

Тамчы сууну берүүгө жараган жок.

Алгач күнү  мүрзөңө жаз айынын,

Аягы бул арнаган казалымын:

Сен жашаган дүйнөнү сезбептирбиз,

Сезбептирбиз ал дүйнө тазалыгын…

Бул Төлөгөн Мамеевден казал. А бирок кандай казал!.. Албетте, ырдын шааниси чыксын үчүн дасыккан акын атайлап боёктордун эң бир коюусунан тандап туруп сүрөт тартып, лирикалык каарманын трагизмдин болуп көрбөгөн чегине жеткире армандап, жүрөктү эзе тургандай кошок кылып кошуптур. Муну антитеза деп коёбуз эстетикалык теорияда. Ырас, бул ыкма тээ Рафаэль менен Микеланджелонун доорунан бери келаткан көркөм ыкма. Ушул сыяктуу антитеза Рембранддын “Адашкан уул кайтканда” аттуу  гениалдуу картинасында  абдан таасын берилген. Антитеза Манкурттун образында бар (“Кылым карытар бир күн”), К.Жусубалиевдин Мастан кемпиринде (“Күн автопортретин тартып бүтө элек”) бар.  Ансыз күчтүү образ жаралбайт, чыгарманын эмоционалдык күч–кудурети, эстетикалык дурмөтү болбойт, Аристотель айткан катарсис жаралбайт.

Мени абдан кубанткан экинчи китепче акын Толук Бек Байзактын “Көчмөн дүйнө” аттуу саамалыгы болду. “Саамалык” деп бекер жеринен айткан жокмун. Мен бул жупкадай жука, бирок ичине зор поэтикалык символиканы камтыган китепчени көптөн күткөн китепче деп айтаар элем. Адабияттын тарыхы жана теориясы менен, илимий эстетика менен шугулданган окумуштуу катары айтаар элем: бул китепче бир аз кечигибирээк жаралды, бирок ошо кеч болсо да окурмандын колуна тийгени автор Толук Бек үчүн да,  адабиятыбыз үчүн да мөөрөй болду. Эмне үчүн?

Кеп мындай. Ар бир мезгилдин өзүнө жараша китеби, фильми, сүрөтү болот. Маселен, С. А. Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” деген картинасы бүтүндөй эпоханы, доорду, керек болсо,чоң тарыхты чагылдырган чыгарма. Чыкебиздин Дүйшөнү, Алтынайы, Жамийласы ошондой образсимволдор.

Мен Толук Бекти эртелеп көтөрө чалгым келбейт, бирок анын көлөмү жагынан өтө чакан, бирок  мааниси жагынан абдан салмактуу “Көчмөн дүйнө” жыйнагы чынында да көптөн күттүргөн китеп деп айтсам жаңылбасам керек.

Баса, китеп эмне жөнүндө? Китеп бороончапкындуу, үмүт менен үмутсүздүк, ишеним жана ишенимсиздик, жарык менен караңгылык  жанаша доорон сүрүп турган эгемендиктин эң оор жылдары жөнүндө, 90жылдар жөнүндө.

Дагы теорияны ортого салайын: илимде бул же тигил тарыхый доор тууралуу мыкты китеп же чыгарма ошол доордун кайнаган учурунда жазылбайт. Жазылышы мүмкүн, бирок бул эреже эмес, мыйзамченемдүүлүк эмес. Маселен, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу чыныгы мыкты чыгармалар болжол менен онон беш жыл өткөн соң гана жаралды. Мисалы, “Бетме–бет” согуш бүткөндөн он эки жылдан кийин, “Саманчынын жолу” он беш жылдан кийин барып жазылды.

Менин катардагы адабият күйөрманы катары кантип ошол эч качан эстен кеткис драмалуу жылдар, бүтүндөй улут таш боор тарыхтын тегирменине жанчылып, камырдай жуурулган кези тууралуу он беш эмес, отуз жыл өтсө да,жарытылуу китеп же чыгарма жазылбаганы кандай деп кадимкидей капаланып жүрчүмүн.

Жок, эч нерсе жазылган жок деп айтсам жаңылам го. Канткен менен, “Тоолор кулаганда” романы жазылды, “Жанжаза” жарыкка келди, “Асмансыз жылдар” колубузга тийди. Бул прозада болду.  Бирок поэзияда бул доор эмнегедир унутта калды. Бир жолу жаш акындар менен жолугушуу учурунда мен көп калем ээлери ошол өтмөк доордун даамын татып, азаптозогун аңдап, жон териси менен сезбегенин байкадым. Анын себеби азыркы ыр жазган талапкерлердин басымдуу көпчүлүгү 90-жылдардын этегинде, 2000-жылдардын башында  туулуп, Кыргызстан эптеп жаңы доордун ыгына ыктап, бир ыргакка түшүп калган кезде туулган муун экен.

Ал эми Толук Бек дал ошол өтмөк доордун өттөй ачуу тузун өз оозу менен татып, мигрант болуп жер которуп, башка жер, бөтөн элдин ызасы менен кордугун жон териси менен сезип калган калемгер экен.

Кош бол эми көрүшкөнчө,

алсыз, жарды Мекеним.

Сени таштап көпкө дейре

алыс сапар кеземин.

Тилеп сенин тынчтыгыңды,

тилеп сага эсендик,

убайымдуу бул күндөрдө,

урматыңы сеземин.

Кеттим алыс, кейиш толгон

жүрөк менен кыялбай.

Жатканыңда жаш баладай

тамтуң басып туралбай.

Маанай чөгүп, ындын өчүп,

акыл эсиң жыялбай,

турганыңда

кайрат эркти тилейм сага

сүйүп туруп кудайдай.

Сага караан боло албадым,

бу капалуу күнүңдө.

Ийинимди тосо албадым,

бирок менден түңүлбө.

Биз кайтарбыз жеңиш менен

күндөрдүн бир күнүндө,

ал анткени өзүң барсың,

жүрөктөрдө, сүйүүмдө.

Касиетин Ата Журттун

уул эмесмин сезбеген,

алыс жерде өзүңү эстеп

сагынамын эскерем.

Бирок ушул кыйын күндө

сага берер, саа жөнөтөр,

үмүт, сүйүү, ырдан башка

эчтемем жок, эчтемем...

Бул ырды улутунбай, үшкүрбөй, керек болсо,көзгө жаш албай туруп окуш эч бир мүмкүн эмес…

Толук Бектин чынчылдыгы, эч качан өзүн, лирикалык “Менин” ыксыз  көтөрө чалбай, тескерисинче, бечара болуп бозоргонун, алыста калган мекенин сагыныпсаргайганын эч бир пафосу жок, жалгандан жасалган жарма патриотизми жок жазат. Боздогонун боздодум деп, кор болгонун кор болдум деп айтат. Бирок мекенинин ыйык элесин калканч кылып жамынып, өзүнөөзү кайрат бергенин жашырбай жазат. Эч качан өзүн турмуштун бороонун бучкагына теңбеген эпикалык жигит катары сүрөттөбөйт,тескерисинче, мекенинин алсыздыгын, эгемендиктин, чоң тарыхтын эпкинине эптеп туруштук берип, араң бутуна туруп келатканын ыйлап туруп жазат.

Толук Бек сыяктуу бөтөн жерде жүрүп тагдырын ырга айланткан акын кыздарыбыз: НарсулууГургубаева, Нуриза Өмүрбаева да бар. Ошондой эле Нурлан Калыбеков, Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Атахан Кожогулов, Гүлзада Станалиева, Аида Эгембердиева, Айсулуу Көкөева, Назгүл Осмонова, Венера Бөлөкбаева, Айжаркын Эргешова, Рахат Жуманазарова ж.б. өңдүү бир топ акындарды Толук Бектин муунунун катарына кошоор элем. Булар “жоголгон муун” деп аталып жүргөн калемгерлердин салмактуу чыккан поэтикалык үнү.

Баса, “жоголгон муун” туура терминби?  Туура же туура эмес деп кесе айтуу болбос, бирок биздин эгемендик  доордун бир тарыхый этабын ушул акындар ачып кеткенин моюнга алышыбыз керек. Дүйнө адабиятында Р. Олдингтон, Э. Хемингуэй, Э.М. Ремарк ж.б. жазуучулар ошол “жоголгон” муундун (generation perdue) ыйын ыйлап, зарын зарлагандар. Ошонусу үчүн тарыхта түбөлүккө калгандар.

Дайрадай агылдым,

Шамалдай согулдум.

Оош-кыйыш турмушта

Жаңылсамжаңылдым.

Жазмыш деп соорондум,

Армандуу болбодум.

Муздасам муздадым,

Арийне тоңбодум.

Кайгыда ыйладым,

Дүйнөгө сыйбадым.

Түтөдүм, тутандым,

Ошентип чыйралдым.

Бул Гүлзада Станалиевадан. Акын азабы менен арманын, тарткан түйшүгүн агынан жарылып ушинтип жазат.

Айтор, бул муун, тагыраак айтсам, Толук Бек Байзактын мууну өзүнүн доошун  бек чыгарып, жан сырын жашырбайжаппай айта баштады. 21-кылымда адабиятка келген бул муунда жымсалдоо жок, өзүнөөзү маашырлануу, мактануу жок. Баары ачык. Болгону болгондой. Карасыкара, агы ак. Ушуга шүгүр. Ырас, көпкө күттурүп коюшту. Бирок адабиятта кеч же эрте деген тушүнүк жок. Негизгиси, бар болсун. Жоголуп кетпесин.

About the author

Жазуучулар Союзу