2025-жылдын 6-ноябрында (саат 11:00) А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл акыны, II даражадагы “Манас” орденинин кавалери Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
Иш-чарага акын-жазуучулар, маданият жана искусство ишмерлери, жалпы эле адабият сүйүүчүлөрү катышат.
Кирүү акысыз!
Баарыңыздарды аталган мааракелик салтанатка катышууга чакырабыз!
