“Омор Султанов – поэзиянын султаны”
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган поэзия фестивалынын ачылышы, Жети-Өгүз районунун Тосор айылында болду. Тосор айылынын эли жана «ТОСОР КООМУ» коомдук бирикмеси келген конокторду өзгөчө маанайда тосуп алышты.
Көл жээгиндеги ачык театр сахнасында акындардын, манасчылардын, өнөрпоздордун катышуусунда музакалык-поэтикалык кече өттү. Ысык-Көл жээгинде өткөн бул иш-чарада акындын обондуу ырлары ырдалып, поэзиялары окулду.
Фестиваль, эртең 6-июль күнү дагы уланмакчы.