Кыргыз Республикасынын эл акыны, кыргыз адабиятынын классиги Омор Султановдун 90 жылдык мааракесине карата жаш акындар үчүн уюштурулуп жаткан «Махабат ыры» аттуу республикалык сынак жөнүндө
ЖАЛПЫ ЖОБО
1. Бул жобо «Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан жаш акындар үчүн «Махабат ыры» поэзия сынагынын тартибин, максат-милдеттерин аныктайт;
– Сынакты Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен «Тосор коому» коомдук уюму биргелешип уюштурат (мындан ары уюштуруучулар);
Уюштуруучулар:
– Сынакты өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды уюштурат;
– Катышуучулардын сынак талап кылган документтерин даярдап, калыстар тобунун кароосуна тапшырат;
– Калыстар тобун түзөт;
– Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасынын мөөнөтүн, форматын, жерин аныктайт;
– Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууну уюштурат;
2. Сынактын негизги максаты:
– Теманы чагылдыруудагы жаңы табылгаларды таап, жаңычыл мамилени аныктоо;
-Жаш акындардын талантын ачууга, таанытууга көмөктөшүү, кыргыз поэзиясын кеңири жайылтуу;
-Конкурстун катышуучуларынын ичинен мыктыларын тандоо;
3. Сынактын мөөнөтү:
-«Махабат ыры» сынагын кепилдеген бул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сайтына жана башка социалдык тармактарга жарыялангандан баштап күчүнө кирет;
– Сынакка чыгармалар 2025-жылдын 22-апрелинен 25-июнуна чейин кабыл алынат;
-Сынакка келип түшкөн ырларды калыстар тобу тарабынан окуп чыгуу, баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо иштери 2025-жылдын 26-июнунан 5-июлуна чейин жүргүзүлөт;
4. Сынактын шарттары:
– Сынакка кыргыз тилинде жазылган поэтикалык жаңы чыгарма кабыл алынат;
– «Махабат ыры» сынагына катышкысы келген автор сүйүү, арзуу темасында жазылган бир гана чыгармасын сунуштай алат;
– Сынакка сунуштала турган чыгарманын көлөмү 3 куплеттен кем эмес жана 10 куплеттен ашык эмес болушу шарт;
-Жаңы чыгарма сынак жыйынтыкталганга чейин башка маалымат булактарына, социалдык тармактарга ачык жарыяланып кетсе сынактан алынып салынат;
– Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлер катыша алышат (35 жаш кошулат);
– Автор сынакка махабат темасындагы жаңы ыры менен кошо аты-жөнүн, өмүр баянын, сүрөтүн, байланыш дарегин (электрондук дарегин, телефон номерин) бир файлга чогуу тиркеп жөнөтүшү шарт;
– Поэтикалык чыгарма электрондук почта аркылуу кабыл алынат;
-Сынакка катышкан автор чыгармасынын өзүнө гана таандык экендигине, кайсы бир башка авторго таандык эместигине өзү кепилдик берет;
-Сынакка жиберген ыр рецензияланбайт, кайтарылбайт.
– Автор сынакка чыгармасын “Жазуучулар союзунун” jazuuchular@gmail.com электрондук дарекке “Махабат ыры” деген аталыш менен жөнөтөт.
5. Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого, кароого коюлган талаптар:
– Уюштуруучулар «Махабат ыры» сынагына келип түшкөн чыгармаларды баалоо үчүн 5(беш) адистен турган (анын ичинде бирөө төрага) калыстар тобун түзөт;
– Калыстар тобу ишин ушул жобонун негизинде алып барат;
– Уюштуруучулар калыстар тобунун кароосуна сынакка келген чыгармаларды сандар аркылуу атайын белги (№) коюп гана берет. Жеңүүчү аныкталмайынча автордун аты-жөнү ачыкталбайт, дареги көрсөтүлбөйт;
– Чыгармаларды баалоо он баллдык система боюнча жүргүзүлөт;
6. Чыгарманы баалоо критерийи
– Поэтикалык форманы билүү чеберчилиги жана поэтикалык тилинин мүмкүнчүлүгү;
– Таасирдүүлүгү, образдын айкындыгы, поэзиядагы жаңычылдык;
-Уюштуруучулар калыстар тобу койгон баллдарды санап чыгып, анын негизинде 5 (беш) жеңүүчүнү (финалистти) аныктайт;
– Финалисттердин ичинен жеңүүчүлөр өз кезегинде калыстар тобу койгон баллдагы айырмачылыктарга жараша аныкталат;
7. «Махабат ыры» сынагынын сыйлык фонду:
Жалпы байге фонд 120000 (жүз жыйырма миң) сом.
Анын ичинен:
1-орун 50000 (элүү миң) сом;
2-орун 30000 (отуз миң) сом;
3-орун 20000 (жыйырма миң) сом;
Эки кызыктыруучу сыйлык:
1. 5000 (беш миң) сом;
2. 5000 (беш миң) сом;
Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
-Жеңүүчүлөр расмий сыйлоо иш-чарасына чейин жарыяланбайт;
– Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары Кыргыз эл акыны Омор Султановдун Ысык-Көлдөгү кичи мекени Тосор айылында 12 -13-июлда өтө турган акындардын республикалык фестивалынын алкагында тапшырылат.
– Фестивалдын алкагында классик акын Омор Султановдун ырлары окулуп, обондуу ырлар ырдалат жана акынга арналган поэтикалык чыгармалар окулат.