Рубаилер
*****
Элдер мени ичкич дешет – ал ырас,
Ыймансыз деп жемелешет – ал ырас.
Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой,
Хайям бойдон каларлыгым – дагы ырас.
*****
Эй акмагым, бак даарыса мактанба,
Күрөш талбай кырсык чалып жатканда.
Теңир иши оор чыгар миң эсе,
Үйрөнбөчү, ага жалаа жапканга.
*****
Акылдуулар бука сааган сыңары,
Акылынын тийет дайым зыяны.
Бул мезгилде, акыл баасыз – чесноктой,
Акмактардын байып жаткан убагы.
*****
Мергенчилер ууга капкан салгандай,
Ал капканга өзү түшүп калгандай.
Бир кездеги Бахрам иччү жайларда,
Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай.
*****
Карыганча кулдук болсо абалың,
Билгин кийин бош, каңгырап каларың.
Өз, өзүңө ой жүгүртсөң болбойбу,
Кайдан келип, кайсы жакка барарың.
*****
Таңда ойгонгон Роза гүлүн карагын,
Жел желписе ачып жатат чанагын.
О Теңири! Ошол чанак көп өтпөй,
Ким ойлоптур кайра түшүп каларын.
*****
Бүт окулуп өмүрүмдүн китеби,
Муң каптады шаттык күндү кечээги.
Эсимде жок, такыр эске келбептир,
Жаштык мезгил куштай учуп кетери.
*****
Биз куурчакпыз, жаратканга баш уруп,
Ойноп берчү – баарын ишке ашырып.
Ошол оюн бүткөн кезде сахнадан,
Салып таштайт сандыгына жашырып.
*****
Караңгылык чүмкөп өмүр дегенди,
Ажал мыжыйт жүрөгүңү, денеңди.
Андай чакта: “Иш кандай – деп – биякта?”
Билбей турам кимге суроо берерди.
*****
Кетем мындан, ким бар экен жыргаган?
Эчтеме жок түбөлүктүү сынбаган.
Мен кеткенде, күлсө күлөр аркаман,
Миң жашайм деп ойлоп жүргөн бир жаман.
*****
Биз булакпыз ылай дагы, тунук да,
Кайгы, шаттык кенчи бизде, унутпа.
Дүйнө – күзгү, адам анда миң кырдуу,
Алсыз туруп, анан, чексиз улук да!
*****
О шарапчым, көрөлекмин сендейди,
Сага чейин болуп келгем мен дейди.
Биздин чөйчөк жасалгыча, бир ичип,
Жүрөктөрдү шарап менен эмдейли.
*****
Не кыласың бийлөөчүлөр катарын,
Айтар кеңеш: ичип, сүйүп жашагын.
Эгер билсең, кереги жок Кудайга,
Сенин мурут, менин мобул сакалым.
*****
Жакшы, жакшы көйнөгүңдүн бүтүнү,
Андан жакшы – болсо, нандын үзүмү.
Өмүр деген, бар байлыктан жогору,
Калганына керек жаба түкүрүү.
*****
Ар бир Роза, чыгып турган – өзөктөн,
Шүүдүрүмү сулуулардын көзү өткөн.
Биз таманга тепсеп жүргөн ар бир чөп,
Адам болчу жүрөгү курч, өзү өктөм.
*****
Бул дүнүйө Хайямды бек азгырды,
Гүл жайнатып жыпарына мас кылды.
Миң сактасаң мүрөк суусу түгөнөт,
Ошон үчүн байкагының чактыңды.
*****
О теңирим, адам жыргар үзүрдүн,
Акмактарга, баарын берип бүтүрдүң.
Акылдуулар үзүм нанга зар болсо,
Калыстыкка анда жаба түкүрдүм.
*****
Бүткүл өлкө: жакын, алыс жердеген,
Калат акыр, аралашып жер менен.
Сен падышам, өлбөймүн деп ойлобо,
Сага деле үч аттамдык жер белен.
*****
Бер шарапты, шат күлкүгө бөлөнүп,
Биз бейишти жер үстүнөн көрөлүк.
Жыттуу чөптөн түтөткүн да, күү черткин,
Ошол күүнүн деңизине чөгөлүк.
*****
Сүйүү – Күн го, эч өчпөгөн ыраңы,
Сүйүү деген – бейиш кушу сыңары.
Сен ошону нагыз сүйүү деп билгин,
Өлө билсе кимдин кетип чыдамы.
*****
Асман минтет, кулагыма шыбырап:
“Күнөө кылып, тилдейсиң ээ ар убак.
Эгер өзүм айлануумду башкарсам,
Жок болмокмун басып жүрбөй саруулап”.
*****
Чогулсаңар көз жумулган кезде мен,
Ич, ичкиле, акыл менен, эс менен.
Аяк толо шарап куюп эскерсин,
Адам болсо эгер мени эстеген.
*****
Чөйчөк шарап – артык кытай тагынан,
Чөйчөк шарап – артык бейиш багынан.
Ачуу, бирок, ашып түшөт ал шарап,
Бүт дүйнөнүн не бир таттуу даамынан.
*****
Сүйбөгөнгө жагынба да жүгүнбө,
Жалооруба терезенин түбүндө.
Дервиш өңдүү эркин сезип өзүңдү,
Өзү келет, басып кеткен күнүңдө.
*****
Бул жалганда сенин жашооң кыпындай,
Мүлк жыйнасаң туткундалдың кутулбай.
Бардыгынан артык турат жан дүйнөң,
Жан дүйнөңдүн жүргүн кутун учурбай.
*****
Атаар таңдын батаар күнү бар сымак,
Байлык кубат, толот, кайра тартылат.
Өмүр кыска, карыз алган буюмдай
Уруналбай жүрө бербе калтырап.
Которгондор: Жалил Садыков, Турарбек Шаршенбаев