Омар Хайям: Рубаилер

*****

Эрким болсо, мында келмек эмесмин,

Кетүүгө да жолду бермек эмесмин.

Төрөлүүнү, өлүүнү да жоймокмун,

Кереги не? Оюн, эрмек эмесмин.

 

*****

Чөйчөгүмө эңкейгендей карапа,

Мээрим чачат асман жерге карата.

Бирок андан жаабай жүзүм ширеси,

Кан оргуштайт жүрөгүмдү каната.

 

*****

Миң жашап да жашка адам тойбогон,

Соңу анын – өлүм тирүү койбогон.

Хан, кедейдин бирдей кылып катарын,

Алып тынып, кимди гана сойбогон.

 

*****

Бул кооз дүйнө мени мында азгырып,

Жайгаштырды көрк, жытына мас кылып.

Соолтуп бирок мүрөк суунун булагын,

Сызга анан олтургузат таз кылып.

 

*****

Акыл жетпейт, – кайдан азап, жамандык?

Ук, айтайын чын сырымды адамдык.

Биз убайым ылайынан жуурулуп,

Келип, кайра кетиш үчүн жаралдык.

 

*****

Акылдуу- бул бука сааган кеңкелес,

Жолу катуу, чыгашалуу, бак бербес.

Иштермандан бекерпоздун баркы чоң,

Пияз баалуу, акыл азыр кеп эмес.

 

*****

Чындык колдон чыгып кайнайт, айла жок,

Түшүнүүгө умтулбагын, алба жооп.

Шарап ичип, наадан бойдон кала бер,

Илимдерди таанууда эч пайда жок.

 

*****

Өлүм шорун ажал сага жалатар,

Көргө салар, капкараңгы жана тар.

Чопо болуп калган жансыз денеңди,

Кийин бирөө өз ишине жаратар.

 

*****

Тагдыр күчтүү, аны эч ким жеңбеген,

Баарын жалмап ач, желмогуз жер жеген.

Аманмын деп сүйүнбөгүн, кое тур,

Кумурскага жем болосуң сен деген.

 

*****

Бизге чейин өттү айдын нечени,

Кайтпас болду акылманы, чечени.

Таманыбыз басып жаткан топурак,

Сулуу кыздын карегидир кечээги.

 

*****

Жашоо эмне? – Ачайын деп капкагын,

Жылдап ойлоп, кирпигимди какпадым.

Көп нерсеге көзүм жетет деп жүрсөм,

Акылымдан эч нерсени таппадым.

 

*****

Ичип жатсам идиш мага кеп айтты:

-“Мен шах элем, жолдуу элем, – деп айтты.

Көрчү чиркин! Топуракка айланып,

Сага идиш болду денем!” – деп айтты.

 

*****

Мен өзүмө кесип кылдым билимди,

Аалам-асман сыры мага билинди.

Баарын бийлеп, баш ийдирдим. Бир гана

Таш боор ажал албай койду тилимди.

 

*****

Өткөн келбейт, кайгы жүгүн артынба,

Бүтөр ишти эртеңкиге калтырба.

Болочокко алданбагын келе элек,

Аткан таңга толук ишен, тартынба!

 

*****

Жүрөгүңө чындык өзүн жашырат,

Керек маалда ойду ишке ашырат.

Бермет дагы толмоюнча көркүнө,

Көл түбүндө, кутусунда жашынат.

 

******

Ойноп күлүп, жыргаганың жашыңда,

Шарабың да, жеген тамак-ашың да.

Жакшылыгың, күнөөң дагы – Кудайдын,

Көздөп койгон иши болчу башында.

 

*****

Кудай, сага марттык жетпей кичине,

Далайына өлүм суусун ичире.

Ай чырайлуу келбетине карабай,

Зыкымданып, каттың көрдүн ичине.

 

*****

Тамчылардан мухит болду десек эп,

Майда чаңдан жер топтолуп калган деп.

Сенин келип, кетишиңдин мааниси –

Чымын үйгө кирип-чыкты деген кеп.

 

*****

Жут шараптан! Көңүлүңдү пас кылба,

Көз ирмемдей биздин өмүр-жаш мында.

Бабалардан өскөн чөпкө жатып ич,

Тагдырыңды оюна кой, шаштырба!

 

*****

Бермет өспөйт караңгыда жатпаса,

Оокат болбойт жан азапты тартпаса.

Жоктун орду толот өзү акырын,

Бар нерседен кол үзсөң да таптаза.

 

*****

Ушунчалык бечарабыз эмнеге?

Кулдук уруп кумарланган денеге.

Жүргөн менен тирүүлөрдүн бири да,

Өз кумарын кандырган жок дегеле.

 

*****

Акылманым, ич, созулба кебездей,

Бийлик, байлык түбөлүктүү эместей.

Көзгө бекем көрүнгөндүн бардыгы,

Жалган түштөй, көрүмчүдөй, элестей.

 

*****

Шарап менин жашоомдогу жарыктыр,

Идиш бошоп, калдыктары калыптыр.

Бабырашкан көп жолдоштун бири жок,

Жашоо канча? – бир Кудайга аныктыр.

 

*****

Керээзиме достор кулак салгыла,

Ажал келип алам десе – жан мына!

Өлсөм идиш жасап алып күлүмдөн,

Ортоңорго мени кошуп алгыла!

Которгон: Кубанычбек Басылбеков