Поэзия

Нурсултан Абдикаримов, акын:

Абдикаримов Нурсултан Турдубаевич
1997-жылы 26-декабрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айылында жарык дүйнөгө келген.
Ошол эле айылдагы √°=86 Курманжан Датка атындагы окуу тарбия комплексин 2016-жылы аяктап, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырган.
ЖОЖду 2020-жылы аяктап, өзүнүн айылындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенет.

Нурсултан Абдикаримовдун ырларынан

* ***

Мен сенин, күлкүң болом кубанганда,
Ыйласаң жашың болуп көзүңдөгү.
Сен болуп, сен деп гана күн кечирем,
Унутуп бүт баардыгын өзүмдөгү…

Тарасаң чачтарыңды толкунга окшош,
Тулкумду ыргытамын тереңине.
Мага азыр, сени сүйүү эң чоң милдет,
А андан башкасынын кереги не…?

Жоголсом, сен деп безип баардыгынан,
Табылсам, сенден гана табыламын.
Мен сени сүйгөн үчүн, бактылуумун,
Мен сени сүйгөн үчүн, таарынамын…

Мен сенден күндө кетип, күндө келем,
Сен өзүң, кел дебейсиң, кет дебейсиң.
Мен сени, сенден дагы көп ойлоном,
Сен мени, эстейсиң же эстебейсиң…

Сен азыр, эрте дейсиң, эртең дейсиң,
Аяйсың жаштыгыңды, көңүлүңдү.
Сагынып, азап тартып, туталанып,
Мен чындап жашап жатам өмүрүмдү!

СҮЙӨМ

Мен сени, кең ааламга батпай сүйөм,
Мен сага “сүйөмүн” деп, айтпай сүйөм!
Акылдын ченемине баш бербеген,
Жүрөгү сүйлөп турган, мастай сүйөм…

Кысылбай кенен сүйөм, ачык сүйөм,
Сүйүүмдөн эки эсе ашык сүйөм!
Жүгүрүп мезгил менен, токтоп калбай,
Өмүрдүн ыргагындай, шашып сүйөм…

Сагынсам, ойлоп сүйөм, эстеп сүйөм,
Жетпесе андан дагы көп-көп сүйөм!
Ар кимдин назарына илиндирбей,
Аярлап, көпчүлүктөн четтеп сүйөм.

Добушун жүрөгүмдүн тыңдап сүйөм,
Добушум жетки чейин ырдап сүйөм!
Мен билген, болсо ошол жалгыз чындык,
Мен сени, чындап сүйөм, чындап сүйөм!

Кечээ, эртең ,бүрсүгүнү дагы сүйөм,
Эскиртпей, ар бир күнү жаңы сүйөм…

 

“АЁО”
Күн батканын жакшы көрчү элең,
Сол желкеме жөлөп башыңды.
Күткөн бакыт, күткөн сүйүүмдү,
Күүгүмдөргө кошо жашырдың…

Сага сүйүүм жетпей жатканын,
Сүйүүң бүткөн кезде түшүндүм.
Сени азыр, чындап жек көрөм!
Сени чындап, сүйгөн үчүндүр…

Эстеп жашап пайда таппадым,
Унуткандан деле пайда жок!
Өкүнүчкө бир эм табылар,
Өтүмүшкө такыр айла жок…

Бүгүн сени турат кызгантып,
Бүтүндөгөн күйөөң деле эмес!
Эсимди алган эски сүрөттөр,
Жылдар менен түгөнгөн элес…

Кандай болгон күндө да сени,
Сүйдүм эле, сүйүштүк эле.
Бир күн өтөт жолдор кайчылаш,
Тыйбаш керек, үмүттү деле…

 

***
Жайдын жамгыр жааган салкын кечинде,
Жалгыз бойдон жүргөнүмө арданам.
Жигиттерди жигитсиңер дей албайм!
Ушул кечте сүйгөнүнө барбаган…

Эриндерди нымдап жайдын жамгыры,
Эзилишсин эт жүрөктөр эринден.
Чыкпай койгон кыздар кызыксыңар эй,
Чачын кайра кургатыштан эринген!

Жаандан качып чуркагандан пайда жок,
Жай баскыла, далдоо жерге шашылбай
Жар салгыла сүйүүңөрдү жамгырда,
Жүрөктөрдү кол чатырга жашырбай!

Үлбүрөгөн көйнөк кийип чыккыла,
Үшүгүлө шамалына бул кечтин!
Кийими жука, кыналышкан жаштарга,
Көздөр менен жылынганды үйрөтсүн!

Кучактарга кучактарды толтуруп,
Суу болгула ушул кечте барынча!
Кереметтин керемети ушул маал,
Кетпегиле жамгыр басылмайынча!

 

***
Бакыттан башым маң, дүйнөм дүң!
Келеби? ошентип жүргөн күн…
Кысканда жүрөктү сенсиздик,
Кыялга батканды үйрөндүм.

Жашабайм арасат ойлордо,
Изденем сен менен болгонго!
Тытмалап жүдөткөн санааны,
Күч жетет, көтөрүп койгонго!

Кубанып, жүзүмдү муңайтпай,
Кудайдан башкага сыр айтпай.
Элесиң эм болуп келатат,
Эзгенде сагыныч чыдатпай…

Кезикчү күн жакын, биз анан,
Келгенче ал күндөр, жүр аман!
Мен сени, сен барда сүйгөндөй,
Мен сени, сен жокто сүйө алам!

 

***

Жыргалыңды азабың ала качкан,
Күйүт күүп, күлкүсүн ала жаткан.
Караанымды көрөмүн кышкы бакта,
Калбаат тартып, жапжалгыз бара жаткан.

Жүрүп келет көтөрүп сөлөкөтүн,
Сүрүп келет жарыктар көлөкөсүн.
Жакынымдай сезилет, жалгыз бакта,
Ийни түшүп, ой басып, жөнөсө ким…

Туман басып, алды жак туңгуюктап,
Түнү жоортуп жүркөтөр, күндүзү уктайт.
Чыдагыла жакындар, жалгыз баскан,
Чындап сүйүү бар болсо, бизди унутпайт!

 

“ЭРКИН ОЙ ТОЛГОО”

Келбе дейсиң!
Сүйбө дейсиң!
Бул ирет мен, айтканыңды кыла албайм.
Укпайм дейсиң!
Чыкпайм дейсиң!
А мен сенден, ук же чык деп суранбайм.

Келе берем!
Сүйө берем!
Мени бирөө, ал нерседен тыя албайт!
Сагынгандан!
Жалынгандан!
Сүйгөн адам,ал нерседен эч убакта уялбайт!

Ошон үчүн, сүйүү дайым бийик турат акылдан,
Акылымдын азыр ордунда эместигин жашырбайм!

Бирок билем, убакыттын бети жок!
Саамга деле, токтой турчу ниети жок!
А мен андан, бир топ эле түзүкмүн,
Мага сени күтүүнүн, саар, кечи жок!

 

***

Менин сүйүүм, сага деген ишеним,
Сага бердим үмүтүмдү, кыялды!
Менден жаным кереги жок тартынып,
Колдон келсе , махабаттан уялгын!

Кетсем коркпо, келсем ага кубанба,
Күтүү деген кезигүүнүн башаты!
Эстегенде селт эттирген боюңду,
“Сүйүү өлбөсүн” деген бир ой жашасын!

Кызганычтар ушунчалык туруксуз!
Сагынычтын андан өтүп ары жок.
Бар кезинде баалагандар, бактылуу!
Барын барктай албагандар, багы жок!

Калп айтышат сүйүү жомок дегендер,
Сен да ошону туура көрүп, жаңылба!
Сага менин ишенимим аманат!
Сүйүүм анын кошо жүрөт жанында.

 

***

Чырактар жанат утурлап кечти калаада,
Чыдамым кетип, көрүшкө сени баратам.
Мени кой жаным, мендеги таза сүйүүнү,
Өзүңдүн таза жүрөгүң менен аясаң!

Көзүңдү аяйм көрө элек көптү, туптунук,
Жаныңды аяйм, тарта элек жабыр сүйүүдөн.
Тартышып желкең, тулку бой талып көнө элек,
Салмагы баскан сагынычтардын жүгүнөн.

Мезгилдер бизди, жетелеп келип табыштык,
Жашыбыз биздин жети жыл менен айрыма,
Өзүмө кошуп, ээрчитип алып көксөөмдү,
Жолугуш үчүн, баратам азыр алдыңа!

***
Биз түгөнгөн жерден башталып,
Күндөн-күнгө сүйүп туралы.
Экөөбүздөн жанат өрт алып,
Жалындаган үмүт чырагы.

Көп жолукпай, көпкө жоголбой,
Болуп турсак дайым кабардар.
Бар экенин айланабызда,
Түшүнөлү башка адамдар.

Сен түнөргөн күнү түнөрбөй,
Алып барайын сага кубаныч!
Сезе билүү, сурай бербестен,
Сүйүүбүзгө бүтпөс гүлазык.

Жүрөк жакшы, сүйгөн, сүйүлгөн,
Тилек асыл, сени колдогон!
Сен жакшы түш көргөн түндөрү,
Мен таңга маал күлүп ойгоном.

Күлкүм менен коштоп күлкүңдү,
Кубалайын болсо капаңды!
Түз салса экен Теңир назарын,
Түбөлүккө жалгап катарды.

 

***

Көтөргүлө башыңарды жигиттер!
Сүйүү биздин, бой тердетчү аламан.
“Сүйүү жомок” деп айтышкан жандардын,
Аламандан кызыгы эчак тараган!

Өрттөнгүлө махабаттан тутанып,
Карагыла алоосуна жалтанбай!
“Азап” дешет махабатты айрымдар,
Калган кезде, “сүйөмүн” деп айталбай.

Тагдыр менен ымала, бул тайкылык!
Сен да качыр, ал да тынбай тап берет,
Кулачтарды марттык менен ачкыла,
Кучактарга бир гүл, бир кыз чак келет!

Чакыргыла арууңарды, бүгүн кеч!
Чакырымдар талытпасын кадамды.
Алдай берет, акыл, мезгил, чектөөлөр,
Сүйүү гана, сүйдүрө алат адамды!

About the author

Жазуучулар Союзу