Жол кырсыгы
Машине жолдон он кадамдай чыгып барып, тумшугу менен кар баскан бийик жарды сүзүп туруп калыптыр. Үстүндөгү карагай торсундардын бирөө кабинанын арткы айнегин көзөп кирип кетиптир.
Сыдыктын ыманы уча түштү.
«Шоопуру эмне болду экен, бечара?» – деп ойлоду. Бирок шоопурун көрүүгө үлгүрбөдү. Кабинанын ичин эңилип карагыча болбой, өздөрү анын тушунан өтүп кетишти.
Сыдык өз шоопурун суроолуу карады. Шоопуру кыркка чыгып калган, өгүз моюн, сүрдүү адам экен. Кебете-кешпирине жараша түнт, орой неме экен. Оштон чыккандан бери Сыдык аны бир нече жолу сөзгө салып, бирок кебине алымсынбай койду. Берген суроолоруна гана нарыдан-бери жооп кайтарып, ашыкча эчтеке кошумчалабайт. Өзүнө кызыктырыш үчүн, Сыдык, сүрөтчү экенин, атайы Фрунзеден Памирге сүрөт тартканы баратканын да айтып көрдү. Сыдыктын ою боюнча «сүрөтчү» деген сөз ар кандай адамдын жүрөгүн жибитип жибериши керек эле. Өз кесибин бардык кесиптерден артыкча көрө турган. Бирок шоопур бар болгону: «Жакшы экен» – деп гана койду. Анан, эмнегедир, өзүнчө үшкүрүнүп алды…
Алай өрөөнүнө келишсе, жерде ала-чоло кар жатыптыр.
–Ой бо-ой, бул жактын кары али кете элек го? – деп таңыркады Сыдык.
–Африкага бараткансып сүйлөйсүң да, – деди буга шоопур шылдыңдаган түр менен, темир тиштерин кашкайта ырсайып.
Сыдыктын жини келди, бирок үндөбөдү. Ошончо көп машинеден, келип-келип ушунун машинесине отурганына бушайман жеди. Эми болоор иш болду, эптеп Мургапка жетип алайын деди. Мургапка жеткенден кийин, убадалашкан жыйырма сомун колуна карматып, тескери бурулуп кетет. Ага чейин сүйлөбөй эле коюш керек буга деп чечти. Ошондон кийин, чын эле сүйлөшкөн жок. Экөө тең өз ойлору менен алаксып, бири-бирине көңүл бурбай, үн-сөзсүз жүрүп келатышкан. Бирок мына бул кырсык аргасыздан шоопуруна кайра караттырды.
Кызык, шоопуру таптакыр бейкапар отурат.
«Көрбөй калды бекен?» – деп ойлоду Сыдык.
Андай болсо, айтыш керек буга, токтотсун. Тигил бечаранын акыбалын билип өтпөсө болобу. Жардам берип дегендей, а эгер жардам кечиксе… өздөрү менен кошо ала кетишке туура келет. Албетте, кузовдун ичи жык көмүр, а кабинада өлүк кишини шалактатып жөлөп барыш кыйын, бирок ошентсе да…
Сыдык эми эле оозун ачаарда, дагы бир нерсеге ою кетти.
«А мүмкүн, бул капыр, көрсө да көрмөксөнгө салып коюп жүрбөсүн» – деп калды ичинде. Биринчиден, бул машакат- туу иш, кыйла убакытты алат. А күн кечтеп, шоопур шашып баратат. Экинчиден… Мына ушунусу чыныгы себеп! Экинчиден, жоопкерчилик жагы бар. Кокус, тигил неме мүрт кеткен болсо, өзүнөн өзү анын: кантип өлдүсү, өлүгүн ким биринчи көрдүсү болот. Жамандыгына алса, өзүн күнөөлөп калыштары ыктымал. Сен анын артынан шаштырып келгенсиң, ал сенден качам деп барып жарга кептелген дешсе дей беришет да. Анын бетин кудай нары кылсын, албетте, анда Сыдык да сурак берет. Кур дегенде, күбө катары. А минтип бир айлык командировканы араң сурап алып баратканда, анысын жолдо сурак берип өткөрүштүн эмне кереги бар. Чычкан ийнине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт болуп… А бирок өгүз баш, чындап эле, тигил машинени көрбөй калсачы? Анда, көрүп туруп айтпагандыгы үчүн Сыдыктын өзү күнөөкөр болот. Күнөөлөй турган эч ким деле жок, албетте, мунун көргөн-көрбөгөнүн ким билип отуруптур, жөн гана өзүн өзү, айыптуу сезип кыйналат. Ошондуктан, айтып койгону эле дурус.
Бирок айтайын десе, бир чакырымча жерге узап кетишиптир: бийик давандан чыңк ылдый зуулдап түшүп келатышкан болучу. Эми бул гөлүйгөн немеге айтсаң да, кайрылып ошол жакка чыгып барабы десең? Кап. Чечкинсиз адамдын чечими курусун, – деди Сыдык, өзүнө-өзү нааразы болуп. Эмне кылаарын билбей, жүрөгү туйлап, кайрадан үңүлө карады. Шоопур да бул жолу аны сүзүлүп тиктеп койду.
–Эмне эле ойдолоктоп атасың? – деди анан күтпөгөн жерден.
О, бул көргөн экен, – деп чечти Сыдык. Мунун айтайын дегени: «Эмне эле кыйналып атасың? Сен көргөндү мен деле көрдүм. Тынч олтура бер. Төө көрдүңбү – жок, бээ көрдүңбү – жок». Шоопурдун оюн ушинтип жоруду да, шоопур менен үнсүз макул болду.
–Жөн эле, – деди анан макулдугун билдириш үчүн. – Олтура берип, буттарым талып кетти.
–Баса…– деп койду шоопур.
Кийин көңүлү жайлангансып, күңкүлдөп бирдемени ырдап кирди. Сыдык аны тымызын карап отуруп, жок жерден ушул бейтааныш, өзүнө жагымсыз адам менен күнөөлүү сырга ортоктош болуп калганына таң калды, зээни кейиди.
«А мүмкүн бул эчтекени билбестир? Мүмкүн, күнөө жеке мага гана таандыктыр?» – деди кайрадан сарсанаа болуп. Бирок ошол эле замат: «А-а, кайсы күнөө? Эмне, аварияны мен жасаптырмынбы? Аны өлтүргөн мен бекенмин?» – деп өзүн өзү актап жиберди. Ошондон кийин, көңүлүн кирдеткен күтүлбөгөн көрүнүштөн өзүн оолактатууга бел байлады…
Давандан түшүп бүтүшкөндө иңир кирди. Шоопур чырактарын жандырды. Бир маалда машиненин алдынан бир коён чыга калып, жол менен качып жөнөдү.
–Тигине, коён! – деп кыйкырып жиберди Сыдык аны көрүп.
Кыйкырганын өзү да сезбей калды. Шоопур Сыдыкты олурая карап койду. Сыдык осолдой түштү.
Коён тээ алыска соймоңдоп кеткен нурдан чыга албай, жанынын барынча томураңдап чуркап баратты. Сыдык коёнду аяп, анын өмүрү үчүн катуу кабатырланып отурду. Шоопур болсо, тескерисинче, бейкапар: өз жолу, өз ою менен алаксып гана келатат. Сыягы мындай жолугушуулар ал үчүн көнүмүш көрүнөт.
Бара-бара коён арып, машиненин тумшугуна жакындай баштады. «Жолдон чыгып кеткей эле, бечара» – деп тиледи Сыдык. Шоопурга кайрылып, токтотуп кой, тиги жаныбар кутулуп кетсин дешке батынбады. Беркинин тил алчудай түрү жок.
Акырында машине коёнго жетип, коён анын астына кирип кетти. Сыдыктын жүрөгү шуу дей түштү. Ал коёндун аман калганын же тепселип кеткенин билбей калды. Куду кырсыкка учураган машиненин шоопурун көрүүгө үлгүрбөгөндөй, арманда кете берди. Шоопурду караса, шоопурдун жүзүндө эч кандай өзгөрүш көрүнбөдү, бар болгону кабинанын ичин жаңырта катуу чүчкүрүп алды.
Жок, бул үйүң күйгүр жолдогу машинени сөзсүз көрдү, – деп ойлой баштады Сыдык кайрадан. Көрүп, ичиндеги адамга ушу коёнго болгон мамилесиндей эле кош көңүл мамиле кылып койду…
Куптан ченде булар Кара-Көл деген кыштакка жетип келишти. Кыштакта шоопурлардын рабаты бар экен. Сыдыктар ошол рабаттын коргонуна кирип токтошту. Коргондун ичи машинеге толуп кетиптир. Машинелердин айрымдары моторлору муздабасын үчүн, жүргүзүлүп коюлган. Алардын алдында чылымдарынын отун жылтыратып, шоопурлары сүйлөшүп турушат.
Сыдыктын шоопуру моторун өчүрүп, бутунун жанында келген эски корзинаны алып, кабинадан чыкты. Сыдык да жерге түштү.
–Жүр, – деп койду шоопур.
Анан коргондун ичиндеги чырагы күйүп турган үйлөрдүн бирөөнө карай басты.
–Буюмдарымды алып алайынбы? – деп сурады Сыдык.
–Ошо жаман сандыктарыңды кайсы ууру алсын, – деди тигил.
Чемодан менен этюдникти айтып жатат.
Бул айбанга эмнем жакпай калды экен, – деп ойлонду Сыдык, анын артынан ээрчип. Кийимимби? Же өскүлөң сакал, мурутумбу?
Экөө келип кирген үй ашкана болуп чыкты. Ашкананын ичи таза, жылуу экен. Анын оокат берчү жагы жабык, а буфетинде бир жаш, сулуу келин тор токуп отурат. Келин шоопурду көрүп сүйүнүп кеткенсиди. Сыпайы жылмайып, ордунан тура берди.
–Арыба, – деди ага шоопур.
–Бар болуң, – деди келин. – Таза кечиктиңиз го?
–А-а, ушундай болуп калды…
–Отуруң…
Шоопур келинди кандайдыр ыраазылык менен карап алып, столдордун бирөөнө барып отура кетти. Сыдыкка да жанынан отургуч көрсөттү. Ошондон улам келин Сыдыкты: «А-а, сен да бар белең» дегендей бир тиктеп алды. Кийин буфетинен ала чыккан чыны, кашыктардан анын алдына бирден койду. Сыдык эми гана байкады: бурч жактагы печканын үстүндө ыш баскан мискей туруптур. Келин лепилдеп жетип барып, мискейди көтөрүп келди. Мискейде ысык шорпо бар экен. Келин экөөнө бөлүштүрүп куя баштады. Албетте, теңме-тең эмес, этинин көбүн шоопурга терип салып атты.
«Бул аял шоопурдун эмнеси болду экен? – деп ойлой кетти Сыдык, келиндин шакек, билериктүү колдорун, ак жуумал, акылдуу жүзүн карап отуруп.– Карындашыбы? Окшошпойт. Көңүлдөшүбү? Кудай сактасын, ушу чабалекейдей болгон назик жубан өзүнөн эки эсе улуу, өгүз кебетеленген немеге кантип ылайык келсин».
–Кана, оокатка караңыздар,– деди келин, бул жолу көптүк иретинде кайрылып. – Кокуй, нанды унутуп калган турбаймынбы…
Шоопур менен Сыдык шорпого киришти. Келин буфеттен кайтып келип, алардын маңдайына отура кетти. Шоопур анын алдына корзинасын жылдырып койду. Келин корзинаны ачып, ичинен кызыл гүлдүү кара жүн оромол алып чыкты.
–Ой-уй, – деди көздөрү жайнап.
Дароо башындагы жоолугун сыйрып таштап, жаңысын салынды.
–Жакшы жарашат экен, – деди шоопур.
–Ыракмат… – деди келин.
Таза сүйүнүп алды. Сыдык болбосо, шоопурду өөп жиберчүдөй болуп, аны назик карап койду.
–Апаңыз кантип калды? – деп сурады бир маалда.
–Түзүк эле, – деди берки. – Бирок дагы эле үй ишине жарабайт.
–Балдарыңыз кыйналып аткан экен.
–Айла канча. Сени алпара берейин десем, кемпир болбойт. «Коё тур, аялыңдын кыркылыгын кечээ эле өткөрдүң, эл эмне дейт» – деп.
–Апаңыз туура айтат. «А-а, ушундай беле…» – деп таң калды Сыдык. Баягыдан шоопурга кыйла жүрөгү жибий түштү. Бул кембагалдын башында азасы бар турбайбы, – деди. Бирок ошентсе да келинди ага ыраа көрө бербеди. Анын жаштыгын, сулуулугун аяды. Ичи тарлык кылды. Бул аял шоопурга эмес, мына мага окшогон билимдүү, маданияттуу, таланттуу эркекке аял болсо жарашат деп чечти. Кап, Фрунзеде жашаган болсо, өнөрканасына чакырмак, портретин тартмак…
А сенин үйүңдөгүлөр эмне деп атышат?
–Мурдагыдан кыйла жоошуп калышты. Алардын кыңырылганы эле, алыс кетип атасың дешет.
–Айтпайсыңбы, кааласам, жума сайын келип турам деп.
–Айтып атам. Кары кишилер да. Ош десе эле, жердин түбү деп ойлошот…
Шорпону ичип бүтүштү. Шоопур Сыдыкты бир карап алып:
–Мейманканада орун барбы? – деп сурады.
–Көп, – деди келин.
–Эмесе, сен барып жат,– деди шоопур Сыдыкка. – Чыгып туруп, сол жакка буруласың…
Сыдык чечкинсиз түрдө чөнтөгүнөн акча алып чыкты. Бүгүн жолдо эки жолу оокат ичишип, акысын өз-өзү төлөшкөн. Бул жерде пул бериш кыйын болуп турат, албетте, ошентсе да…
–О кокуй, жөн эле коюң! – деди келин таарынган түр менен.
Сыдык ыракмат айтып, чыгып кетти.
Мейманкана эки бөлмөлүү экен. Бирөөнүн ичи караңгы, чала жабылган эшигинен уйкудагы кишилердин коңуругу угулат. Беркисинде он чакты кровать болуп, үчөөндө киши жатат, калганы бош. Жаткан кишилер уктабастан, печкенин жанында чулгоосун кургатып отурган бакжайган сары жигиттин аңгемесин угуп, ага күлүп атышыптыр…
–Ассалом-алейкум, – деп Сыдык алардын көңүлүн өзүнө бурду.
–Келиңиз,– деп койду бирөө.
–Бош орун бар бекен?
–Бар, бар. Ана, каалаганыңызга жата бериң…
Сыдык бурчтагы кроватка барып, чечинип кирди. Беркилер кайра аңгемесин улантышты.
–Анан?
Ошентип, бир шишени жеке ичип алып: «Эми балдар, мени машинеме отургузуп койгула» – дейт. Машинеси он гылдыректүү, чоң машине. Магазиндеги балдар аны колтуктап барышып, кабинага отургузушат.
«Эми бурап койгула» – дейт. Балдар бурап, моторун от алгызып беришет. «Эми мен кеттим, кошкула» – дейт. Түн кирип калган. Машина таштак жолго чыгып алып, зыпылдап жүрүп отурат. Бир маалда эле алдынан бир гылдырек гылдырап чыга келет. «Кызыталак, бул кимдин гылдыреги болуп кетти?» – деп коёт таңданып. Кыйлага чейин гылдырек менен жанаша барып, акыры аны артка таштап кете берет. Үйүнө келип уктап, эртеси эшикке чыкса, машинесинин бир гылдыреги жок!
«Эй, катын! Бу менин гылдырегимди эмне кылдың?» – деп кыйкырат ошондо катынына…
Кроваттагылар шарактап күлүп калышты. Сыдык да кошулуп кетти.
–Апенди адам. Жакында пенсияга чыкты, – деп бүтүрдү аңгемечи аңгемесин. – Кой эми, дем алалы…
Жигит чулгоосун өтүгүнүн кончуна тыгып коюп, кийин Сыдыктын катарындагы кроватка келип, чечине баштады. Ушу тапта босогодо дагы бир шоопур пайда болду. Сакалмурутун ак аралап калган, узун бойлуу киши экен.
–А-а, келиң аксакал! – дешти беркилер ага ызаат кылып.
Тиги адам чарчаңкы түр менен басып барып, бош кроваттардын бирөөнө отурду да, ошо замат чечинип кирди.
–Эй бала, сен эмне тумшугуң менен жар сүзүп калгансың? – деди ал чулгоо кургаткан жигитти көрүп.
–А-а, тормозум иштебей калды, аке, – деп койду берки.
Сыдык дароо башын көтөрдү.
–Эмне, давандагы машине сиздикиби? – деп сурады ал, сүйүнгөн түр менен.
Жигит буга кичине таңдана жооп берди.
–Ооба…
–Ой, кантип соо калдыңыз анан?!
Жигит бул жолу мулуюп койду.
–Тормозум баш ийбей баратканын сезип, дароо машинени жарга бурдум да, жан алакетте жерге секирдим. Ушул.
–Азаматтык кылыпсыз…
Кокусунан кийин кирген шоопур чыракты өчүрүп салды.
–Уктадык,– деп койду анан, куду команда бергенсип.
Үйдүн ичи капкараңгы жана жымжырт боло түштү. Сыдык кырсыкка учураган шоопур менен дагы сүйлөшкүсү келди эле, батынбады. Ал өзүн бир оор жүктөн кутулгандай жеңил сезип калды. Ошол сезим менен бирпастан кийин көшүлүп уйкуга кетти…
Саар менен аны бейтааныш киши ойготту…
–Эй, жигит, тур, шоопуруң чакырып атат! – деди ал, ийнинен катуу түрткүлөп.
Бөлмөдө чырак күйүп туруптур, а кроваттарда эч ким жок. Сыдык нарыдан-бери кийине салып, эшикке жүгүрүп чыкты.
Таң агарып келаткан учур экен. Асманда али сейрек жылдыздар бар, кубагай ай сүзүп баратат. Күн суук. Коргондогу машиналар муздаган моторлорун жылытып, кызыгандары улам-улам кетип жатышат. Сыдыктын шоопуру да машинасын жүргүзүп коюп, өзү анын нар жак, бер жагын карап, күймөнүп жүрөт.
–А-а, сүрөтчү, кандай уктадың? – деди ал жайдары үн менен.
Сыдык мунусуна ыраазы боло түштү.
–Ыракмат, жакшы.
–Анда отур, жөнөйлү.
Экөө тең кабинага киришти. Ошо тапта кечиндеги келин жетип келди. Башында кечээки жүн жоолук. Колунда түйүнчөгү бар.
–Мына муну салып коюң, жолдо жейсиз, – деди шоопурга түйүнчөктү сунуп.
Шоопур түйүнчөктү корзинасына салып алды.
–Мен бүрсүгүнү кайтам, – деди ал.
–Эсен-аман барып келиң, – деди буфетчи.
Машина ордунан козголду. Келин аны чоң жолго чыкканга чейин узата карап турду. Жолго чыкканда шоопур да аны бир кылчайып карап алды. Ошондон кийин машина жаңы ылдамдыкка өтүп, чырактарынан түшкөн нурду ээрчип, зыпылдап жөнөдү…
Бирпастан соң шоопур кыңылдап ырдап кирди. Бүгүн мунун көңүлү көтөрүңкү, – деп койду ичинен Сыдык. Өзүнөн өзү кечээ кырсыкка учураган машина эсине түштү. Кайрадан шоопурдун машинаны көргөнү, же көрбөгөнү кызыктыра баштады. Өзүн өзү кыйнап отурбастан аныгын билгиси келди. Бүгүн сурай берсем болот деп чечти.
–Айтыңызчы, кечээ давандан түшүп келатканыбызда, жолдун боюнда турган машинени көрдүңүз беле?
–Көргөнмүн, – деди шоопур аны таңыркай карап.
–А-а… анда неге токтотконуңуз жок?
–А эмне үчүн токтотушум керек?
–Ммм… Менимче, авария болгон турбайбы. Шоопуруна жардам керектир эле…
–Кызык, кабинасында эч ким жок болсо, кимге жардам бермек элем?
Сыдыктын ындыны өчө түштү. Демек, кеп менин өзүмдө экен деди. Кап, ушул суроону өз учурунда эле берсем эмне деп каңырыгы түтөп кетти.
Көрсө, ушунчалык гана турбайбы…
Машина бир калыпта «желип-жортуп» келе жатты. Мезгил-мезгили менен анын алдынан жолдо түнөгөн чымчыктар чочуп учуп калышат.
1982