Мукагали Макатаев: Сыйын маган, эй, өмүр, сыйын маган, Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

Тууган элге

Күн болбой эле коеюн көгүңдө мен,

Күнсүз эле жылуулугум бекер берем.

Көз жашыңдай көрсөтпөй сактайсыңбы?

Жанарыңдан жылт этип төгүлбөгөн.

 

Ай болбой эле коеюн асманыңда,

Мээримиң болоюн дос, жакынга.

Унутулган изиңдей сактайсыңбы?

Чубалжыган суурулган ташта, кумда.

 

Жылдыз болуп жанбаймын ааламыңда,

Баатыр болуп тура албайм алышууда.

Баарысы эмес… Туулган эл, чирит мени,

Туйлабасам туңгуюк намысыңда.

 

Сенден туулуп, сенден өскөн балаң экем,

Түшүн мени, оюм жок башка, бөтөн.

Менин сага тийгизээр залалым бул –

Бир ууч топурагыңды ала кетем

 

Түшүмө тоо кирет

Уктасам эле түшүмө дайым тоо кирет,

Тоону жайлап, тоо кыштаган чал жүрөт.

Башында ак калпагы, жүндөн чепкен,

Алдында балпаң баскан Боз күрөң.

 

Сүйлөшүүгө, мени менен сырдашууга,

Чакырат, а балким, муңдашууга.

Эми жете бергенде, кайып болуп,

Отурат башка бир кыр башында.

 

Чакырат, отуруп кыр башында.

Чымындаган күрөңү бар кашында.

Дагы жете бергенде, кайып болуп,

Отурат башка бир зоо башында.

 

Өлүп-талып, ага да жетемин да,

Көз салам тоонун алыс этегине.

Чалым кетип баратат жай баракат,

Ээр-токумсуз күрөңү жетегинде…

 

Калып калдым, түшө албай, зоо башында,

Кеч да кирди, айлананы түн басууда.

Тип-тик зоодон түшө албай убарамын,

Бир мүнөтүм тетедей бир кылымга…

 

Уктасам эле түшүмө дайым тоо кирет.

Түшүнбөймүн кандай гана тагдыр элең?!

…Тоодо жорткон калтардай алгыр элем,

Алгырлыгым кай жакта калды менин?..

 

Дарыгериме

Кереги жок,

Кереги жок,

Кереги жок баарынын!

Ийненин да кереги жок,

Кереги жок дарынын!

Кетсем эгер, пленканын үзүлгөн бир жанымын,

Калсам эгер, кара жердин бир тоголок данымын.

 

Дарыгерим, ыракмат!

Мен азырынча өлбөймүн!

Кечире гөр!

Жүрөгүмдү бычагыңа бербеймин.

Убара болбой бошот мени!

Эми алдыңа келбеймин.

Кереги жок, кереги жок,

Бычактоого көнбөймүн!

 

Коркпоймун бычактан да,

Коркпоймун ийнеден.

Ийне турмак бул жүрөккө найза дагы бир

тийген…

Купуя сырым көрөсүң го, мен ошондон

ийменем,

Кечир мени,

Кечир мени!

Кетем эртең үйгө мен.

 

Боорум шишип, баш айланып,

денеде каным ташыган,

Баарына өзүм күнөөлүүмүн, эмнесине жашырам.

Көп нерсеге кубанам да, көп нерсеге ачынам,

Илимге да, өзүңө да ыраазымын, баш ийем!

Убакытым барат өтүп, мен бир жакка ашыгам…

 

Түгөйсүз белең, жан курбум?..

Сен али түгөйсүз белең,

Түгөйсүз белең,

Жан курбум?

Өтүптүр айлар, аргасыз жылдар жылышкан.

Жападан жалгыз,

Төгүлчү күндөй тунжурап,

Жүрөсүң, курбум,

Не кылам саган?

Кайгырам.

 

Жаңы ачылган,

Жоогазын элең, көктөмдө.

Жылышып жазың өткөнбү?

Дуулдап турган,

Жалын элең го өрт көөдөн,

Алгырлар кайда,

Тааныбай сени кеткенби?!

 

Кездешет далай,

Өмүрдө ушул күтпөгөн жагдай,

Өмүр деген – өмүр да,

Өмүрдүн заңы ушундай.

Бири – Батышта,

Бири – Чыгышта,

Чагылгандын отундай,

Өтүшү мүмкүн, жакшыга жакшы кошулбай.

 

Мен сени сагынганда…

Мен сени сагынганда,

Карабай жаандарга, добулдарга,

Карама-каршы сүзөм агымдарга,

Көөдөндө кыймылдаган жаным барда,

Мен сени сагынганда,

Бир мүнөт да акым жок кармалганга.

 

Мен сени кызганамын,

Кызганычтан муз чайнап,

Туз жаладым.

Шаңкылдап алдымдан чык,

Эне-кыраан,

Алыстан келет учуп ак шумкарың.

 

Текеберсиң, намыс үчүн туулган,

Тезирээк жет,

Бороон соксун канатыңдан.

Сен – мендик, мен – сендикмин, эне – кыраан.

Кыраанбыз, кыраандардан жаратылган!

 

Сагынычтын закымын жамынганда,

Карабай кара нөшөр урганына,

Саган учам.

Калбайт жанда, сабыр анда,

Мен сени сагынганда, сагынганда…

 

Чындык тууралуу

Чындык көзгө чукуйт качантан да,

Чымын жаның чындыктан кача алганбы.

Акыйкаттын өкүмү чыгаарында,

Колго түшөөр ноктосуз азоолор да.

 

Колго түшөөр куулар да, зулумдар да,

Ат жалынан мал тапкан куйтулар да.

Арамзаны, ууруну кулата албай,

Акыйкаттын шаабайы сууганыбы!

 

Чындык деген – көшөгө бирөөлөргө,

Калкан кылып чындыкты жүрөр пенде.

Көшөгөсүн чындык келип жулуп алса,

Чыркырап жаны, бечара кирээр жерге.

 

Эй, өмүр!

Дүнүйөнүн агын да, карасын да,

Кыңк этпейсиң, сиңирип аласың да.

Карасы менен алың жок талашууга,

Эй, өмүрүм, зымырап барасыңбы?

 

Желпинип жер менен көк арасында,

Жээлигесиң, түшөсүң кара сууга.

Куюн кууган камгактай алас уруп,

Эй, өмүрүм, зымырап барасыңбы?

 

Мен отурам деңиздин жакасында,

Бересем да жок ага, аласам да.

Мени таштап, толкундар, агасыңбы?

Толкунданып, өмүрүм, барасыңбы?

 

Чаң чыгарып изинен куюндаган,

Барасыңбы, өмүрүм, кыйындаган?

Сыйын маган,

Эй, өмүр, сыйын маган,

Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

 

Агатай

Айыга албай жүрчүмүн көптөн бери,

Кандай күч айыктырып кеткен мени?!

Үшүгөн жоогазын элем белестеги,

Кайдан сокту жып-жылуу көктөм илеби?!

 

Унутуп жактырганым, жек көргөнүм,

Күн, түндү кооптонуп өткөргөнмүн…

Музоонун тилиндей ала кагаз,

Агадан учуп келген кептер белең?

 

Оңолбой жүргөнүндө ишим көпкө,

Шагым сынган чагында, күчүм кеткен,

Аганын карлыгачы инисине,

Ак канат периштедей учуп жеткен.

 

Агатай, жылуу сөзүң – дары маган.

(Дарыгердин шыпаасы жарытпаган!)

Агатай, жан экенсиң жаның адал!

Ит экем ак-караны тааныбаган…

 

Жакшы менен жамандын арасында,

Жаным менин жай таппай талашында…

Агатай, «Баардыгынан айык!» депсиң,

Айыгамын агатай, ынанасыңбы?..

 

*****

Мүдүрүлүп кетпе!

Мүдүрүлүп кетсең, болгону,

Дей бергин, досум, башыңа кырсык орноду.

Адам дегендин аяк астынан шордошу –

Байкабай басып,

Мүдүрүлүп кетсе болгону.

 

Байкабай кээде, басабыз дагы дердеңдеп,

Жыгылып жатабыз,

Буту-колубуз сербеңдеп.

Жыгылып алып, эсибиз кайра келгенде,

Жоголгон кезди издейбиз дагы жерден көп.

 

Таппайсың аны,

Тартасың азап сан жылдар.

Аттай албайсың,

Кулашың мүмкүн, алдың – жар.

… Не кылсам экен?!

Не кылсам экен силерге,

Мүдүрүлүп кетип,

Бүлүнүп жүргөн тагдырлар!

 

 

*****

Жазылаар эскерүүлөр мен тууралуу,

Бирөөлөр жан эле дээр эр тулгалуу.

Бирөөлөр тулпар эле деши мүмкүн,

Бүтүн болбой кеткен жабдыктары.

 

Жок жанды кыйбайт эч ким жамандоого,

(Ошондуктан да ырахмат адамдарга!!!)

Билемин, айтор бир замандарда,

Жүрө берет жүз жыл жашап жаман карга…

 

Жазылаар эскерүүлөр нечендеген,

Көрөөрбүз анын баарын пешенеден.

Билгеним, айтор, бирөө гана –

Көчөт өнөр, же болбосо өчөт өнөр!

 

… Куулары тоонун кызыл түлкүсү дээр,

Момундар биздин үйдүн кирпичи дээр.

Түбөлүккө өзүм менен ала кеткен,

Менин азиз жанымды ким түшүнөөр!?

 

Бир келинчек

Ооруканада бар эле бир келинчек,

Эмделүүгө, тамакка да бир келчү элек.

Эрди-зайып деп калышчу,

Эртели-кеч экөөбүз бирге жүрсөк.

 

Көлөкөсүз көңүлдү жатка бурбай,

Сүйлөштүк ашып-ташып аңтарылбай.

Таасирлүү карапайым аңгемебиз,

Ашыктардын жазышкан каттарындай.

 

Сырдаштык адам менен замананы,

Өмүрдү да, жакшы менен жаманды.

Жашырабыз бирибизден бирибиз,

Аңгемебиз андан ары барбады.

 

… Ээси келип бир күнү алып кетти,

Байкаймын, бир келинчек наалып кетти.

Айыгып калган элем паанасында,

Сыр кетти, сыр менен бирге жарык кетти.

 

Айыктыра койгон жок бекер үмүт,

Айыккандай абал жок жалгыз жүрүп.

Төрт бүктөлүп төшөктө жатып калдым,

Каным менин кайрадан көтөрүлүп.

 

*****

Өзгөдөн эмес,

Өзүмдөн корком,

Сезем мен.

Көзүмдөн корком,

Эрдимден корком кезэрген.

Минерге көлүк, учаарга канат жок менде,

Капырай, чиркин!

Калтырып баарын безсемби…

 

Башым бир чоюн, буттарым менин – коргошун,

Убактысы келбей илгери кетти он жашым.

Неге сезбесин?!

Сезет да жаным, сезет да,

Баягы жылдар кайрадан эми болбосун.

 

Туюкка келип,

Кептелип турам бир түрдүү

Көзүмдүн нуру көңүлдө турат илинүү.

Ыйлай да албайм, күлө дагы албаймын,

О, досум!

Таап келчи унутта калган күлкүмдү.

 

Өзүмдөн корком,

Өлтүргөн өзүмдү өзүм го…

Башымда мээ жок,

Тыянак таппай кезет ой.

О, досум менин!

Күлкүмдү таап апкелчи,

Сүрүүчү өмүр, күлүүчү нагыз кезим го…

 

Аттанганда

Кош!

-деп канат кагат куштар маган.

Кош!

-деп мени кучактап, кыскан талаам.

Аманат кылып бирөөгө жатат мени:

–Аманат, – деп, – уямдан учкан балам.

 

Гүлдөр дагы коштошуп, кыйылышып,

Кош айтышат талдар дагы ийилишип.

Неге баары коштошту мени менен,

Кандай тагдыр алдымда буюрушуп?!

 

Неге көлдөр коштошуп чайкалышат?!

Кош, кош деп жаңырык кайталады.

Салбыраган тоолордун кабагынан,

Бир капалык, билбеймин, байкалабы.

 

Бардыгы тең коштошуп ээлигүүдө

(Койчу, баары анчейин жээлигүүдүр…)

Телеграф зымдары зыңылдашат,

А балким, суук кабар беришүүдө.

 

Каршы алдымдан кара жол каршы агат,

Бүткүл өлкө коштошуп жар салат.

Аттанып кетип барам алда кайда,

Кандай тагдыр,

Билбеймин,

Каршы алат?!

Кыргызчалаган: Жыпар Көчөрбаева