Мухаммад Юсуф Өзбекстан эл акыны. Көрүнүктүү коомдук ишмер. 1954 – жылы Андижан облусунун Мархамат районунда туулган. Орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Ондогон китептердин автору. 2001 – жылы дүйнө салган.
Өзбекстан
Оо, Ата Мекеним,
Энемдей өлкөм,
Өзбекстан, жанымды төшөйм саяңа.
Сендей мээрман жок,
Сендей көркөм.
Римди алмашпасмын беде-паяңа.
Бир жагың суу болсо, бир жагың кырлар,
Канча журтту көрдүм, канча тагдырлар.
Кайда барсам сүйөп, башты тик тут деп.
Тоолоруң изимден ээрчишип жүрөт.
Көрдүм сулуулардын эң перилерин,
Же мажүрөө, же бир момун адаммын:
Париждин эң сулуу ресторандарын,
Жалгыз тандырыңа дагы алмаштырбаймын.
Же кепке көнсөм,
Же тилин билсем,
Көздөн уйку качып, дилде алаамат.
Үч күндө сагынсам, эмне кылайын?
Чала калар болду бардык саякат.
Билдим мен, баарынан улугум өзүң,
Билдим мен, жакыным ушул топурак.
Жазында Бахмалда туулган козуң
Араб жейренинен мага азизирээк.
Сен менен өткөндө ар күнүм майрам,
Сенсиз калсам эгер коркунуч тооруйт.
Сени билгендерге кыламын таазим
Сени билбестерге эх, боорум ооруйт.
Мекеним
Мага дүнүйө түк керексиз,
Өзүң жарык турагым,
Өзүм үстөм,
Өзүм султан,
Сен тактым − Сулайманым,
Жалгызым,
Бир ганам дейинби,
Сыйынар дүрданам дейинби,
Өзүң менин улуулардан
Улуумсуң, Мекеним…
Шат күнүмдө кол чапкан сен,
Гүлдөр чачкан изиме.
Ый күнүмдө жоошуткан сен,
Жүзүң басып жүзүмө.
Эжем дейинби,
Энекем дейинби,
Дартымды бөлүшчүм дейинби,
Аптаптан да өзүң мээрим –
Ысыгымсың, Мекеним.
Сен Машрабсың,
Калкта тумар,
Балхта дарга асылган,
Навоийсиң, шах алдында
Кедейге бата берген.
Яссавийсиң, меники деп,
Көрүнгөн доомат кылган.
Миң бир жагы ачыла элек
Коругумсуң, Мекеним.
Сен Хожентсиң,
Чыңгыздарга
Дарбазасын ачпаган,
Темур Малик артынан
Сыр-Дарыяга таштаган,
Муканна*сын каректерин
Алоо-отко кактаган,
Ширак*тарды көргөн койчу –
Колоңумсуң Мекеним.
Ким Кашкарды кылды Мекен,
Ким Эне-Сай тарапта,
Жалалиддин –Курдстанда,
Бабуруң−Хиндстанда.
Бул кандай жүзү каралык деп,
Жатышат зымстанда,
Тозуп кеткен токсон алты
Уруумсуң, Мекеним…
Уулум десең асмандарда
Көктү жирей сүзөмүн.
Чамбил* журтта Алпамышка
Жоокер болуп түшөмүн.
Педеркуш*тан паанек кылып
Улукбегиң кучактайм,
Кычыр-кучур… тишимдеги
Суулугумсуң, Мекеним…
Өткөн күнүң– өткөн күн го,
Өз башыңа жеткен күн.
Кадырийди берген жерге,
Кадырийди чанган күн.
Колун байлап,
Дилин кордоп,
Жетелешип кеткен күн,
Ой, балам!… деп айталбаган
Дудугумсуң, Мекеним.
Жаныңда зар ыйлап жаткан
Акыныңа карап кой,
Же Коконго жолуң түшсө
Детдомдорду сурап кой.
Эч болбосо Осмон сөөгүн,
Алып келкенге жарап кой
Алыстарда кургап калган
Кудугумсуң, Мекеним…
Сен– шактары асмандарга
Тийип турган чынарым,
Ата десем,
Уулум деп,
Баш ийип турган чынарым.
Койнумдагы ыйык-демим,
Мойнумдагы тумарым.
Өзүң менин улуулардан
Улуумсуң, Мекеним!
*Муканна, Ширак – тарихий баатыр инсандар,
*Чамбил – Алпамыштын журту, Сурхан өрөөнү.
*Падаркуш – өз атасын өлтүргөн бетбак уул.
Калк бол, элим
Кадим журтка кайтсын, кадим кайрыктарым,
Кумдар басып какшыбасын дарыяларым.
Алпамышка алдей айткан энелерим,
Рухуну шат кылам десең – калк бол, элим!..
Дүйнөгө бак, салты сендей ким бар дагы,
Даңазасы, дарты сендей ким бар дагы.
Калк болушка баркы сендей ким бар дагы,
Өткөндү жат алам десең– калк бол, элим.
Сен бешигин терметкен Темур кыран,
Сенин балаң жылдыздарга тепкич койгон,
Бир мейизди кырк бөлүп, толук тойгон–
Күндөрүңө кайтам десең– калк бол, элим.
Дарыя болуп ташкындагын, аккын азым,
Майрамыңда көздөн тамсын сүйүнүч-жашым.
Журтум деген өктөм Журтбашыңа таазим –
Ага канат болгуң келсе – калк бол, элим.
Болор элдин балдары бирин-бири жөлөр,
Болбос элдин балдары бирин-бири бөлөр.
Бир бол эми, кадырың бийик– башың көтөр,
Калк бол, элим, калк бол, элим, калк бол, элим!
Наваий
Үндөөлөргө көмүлүп, өктөм,
Улуу акын деп салыш, оңой,
Эч кимиси жок Навоийни да
Ал да мендей адам жөнөкөй…
Мунарадай мармар айкели,
Көрүнсө да бүткүл Хиратка.
Уруун үйү турса чайкалып,
Той татыйбы, анда ал затка?…
Кечирмекпи, азрет коомуну,
Бир-бирине жөлөк болбосо:
Падышасынын билбесе баркын,
Кедейини сыйсыз, кордосо?
Жүрөгүнү чаккандай аары,
Пир жеңинен байкатпай кирип,
Азап эмесби, урпагы жүрсө
Бирин-бири жүрөгүн тилип?..
Зар-зарыйлап жатабы устат,
Кабырда да жүрөк-боору кан…
Акындары чындыкты айтпай,
Аалымдары талашканда наам?…
Түптүү ырдын жалыны өчпөс,
Наваий да жашайт түбөлүк,
Акыбетсиз элде эрк болбойт,
Райымы жок журтта бейпилтик…
Улуу акын деп кою жеңил,
Үндөөлөргө кошулуп, түркүн.
Навоийдин тою,
Биз качан –
Арбагыны ыраазы кылган күн!
Мээрим калат
Өтөт канча жылдар тозону,
Жылдыздар көз жашы асмандын.
Өтөт адам жакшы- жаманы,
Мээрим калат, махабат калат.
Көздөрүңдө жаркыраган ал,
Ыкбалына мөлтүрөткөн ал,
Дүйнөнү тар кылган-да ошол
Мээрим калат, махабат калат.
Анар сенин жүздөрүң сулуу,
Хумар сенин көздөрүң сулуу,
Эстен кеткис сөздөрүң сулуу,
Мээрим калат, махабат калат.
Агып кетти сууларда Тахир,
Зухра ыйлап калды кан боор.
Келгенде да кыямат, акыр,
Мээрим калат, махабат калат.
Эмне дейсиң жалындуу адам,
Ушактарың кылды мени кан.
Сенда бир күн өтөсүң ынан
Мээрим калат, махабат калат.
Биз бактылуу болобуз
Мейли да, кимгедир
Жакса, жакпаса,
Аларга кошулуп
Солуктайт белек.
Биз бактылуу болобуз
Кудай буюрса,
Кудай буюрбаса
Жолукмак белек…
Райкан, жыттарыңды
Жолдорума сеп,
Күт мени ар кечте
Көктө Ай турган.
Бир гана ыйлаба
Күнөөм эмне деп,
Айыбың – апаң сени
Чырайлуу тууган!..
Мага бир жылмаюу
Белек кыл, эй жар,
Нур тамсын
Ууртуңдун жээктеринен.
Өзүң айт, сендей кыз
Дагы кайда бар,
Кирпиктери узун –
Көкүлдөрүнөн?
Тартынып жашаба,
Кыял боорунда,
Жазыл, жайна жаным,
күйбө кыйгыда.
Ушактарга чыда,
Жалаага чыда,
Сен бир ганасын,
Жарык ааламда.
Мен болсо ашыгың,
Сенин – эң карып.
Түндөн сөз карыз алып,
Таңга тартулап.
Сенин жаныңда да,
Сени издеген,
Сенин жаныңда да
Бир сени күткөн.
Каала, тизе бүгөм
Азыр астыңда,
Сүйдүм, сүйгөнүмдөн
Уялмак белем.
Бардык периштелер
Сенин жаныңда
Ижарада турган
Кыздар дейт элем!..
Биз бактылуу болобуз
Кудай буюрса,
Кудай буюрбаса
Жолукмак белек…
Апама кат
Мен сизди ойлоймун шамда, саарда,
Апа, сагынсам да бара албаймын,
Түнү жаркыраган ушул шаарда,
Көңүлүм эч кимге айта албаймын.
Мен сиз айткандай бардыгын сүйдүм,
Баарына ишендим, мына аягы,
Өз досум үйүнө көмүлдү сүйүүм,
Күн болуп көкрөктү күйдүрдү дарты.
Башымдан өткөнү көккө да аян,
Жылдыздар акдене, угам күлкүсүн.
Мен – жашыл жайлоодо алыс, кең мейкин,
Үйүрүнөн ажырап калган кулунмун…
Мына, мен баратам таш жолдо көзүм,
Кадамым уналар жоргосүна дал.
Ыйласам соротуп өзүмдү өзүм,
Пышкырып коёмун кулундар сымал.
Дале сизди ойлоймун шамда, саарда,
Апа, сагынсам да бара албаймын,
Түнү жаркыраган ушул шаарда,
Санаамды эч кимге айта албаймын.
Ой, сүйүү жөнүндө. Ал дилге не зеб,
Кайгырба, айла жок болбосо насип,
Бактыма түбөлүк Сиз соо болуңуз деб,
Сагынган уулуңуз – Мухаммад Юсуф.
Самарканд
Самаркандка барсам мен эгер,
Улукбекти көрүп кайтамын.
Ал зар ыйлаб турат ар сапар:
Мен дартымды кимге айтамын?
Боорумда бой жеткен боз балам,
Мерген балам, ылаачын көз балам.
Жаныма тык урган өз балам…
Мен дартымды кимге айтамын?
Сезбей калдым, ошондо балким,
Жылдыздарда болуп көңүлүм,
Күнөөм эмне, өчтү өмүрүм…
Мен дартымды кимге айтамын.
Канча түйшүк тартпаган элем,
Канча өксүк түптөгөн элем…
Өз баламдан күтпөгөн элем…
Мен дартымды кимге айтамын.
Денем муздап, таштай катамын,
Мен шах эмес, жөн-жай, атамын.
Көрүмдө да ойлоп жатамын,
Мен дартымды кимге айтамын?
Самаркандка барсам мен эгер,
Улугбекти көрбөй келбеймин.
Ал мага зар ыйлайт, ар сапар−
Мен дартымды кимге айтамын?!
Моюнга алуу
Акындык мен үчүн эч арзуу эмес,
Ушу да жумушпу жигит башыма.
Бардык акындарды жыйсаң арзыбайт,
Апамды сагынып төккөн жашыма.
Мына, алар урат булбулдарга док:
“Эй куш, бул бактардын мен булбулумун!”…
Акындар менен эч жолдоштугум жок,
Мен жарык дүйнөдө көңүл кулумун.
Бирок жүрөгүмдү кыйнайт бир азап,
Кой десем койбойт да карматат калем.
Мен кетмен сурасам – узатат рубап*,
Ырдаймын жанымдан өткөндө ызам.
Асманга карасам көрүнөт топурак,
Көк чөпкө тигилип айды көрөмүн.
Бул кандай көргүлүк билбеймин, орток,
Мен качан талаада буудай оромун.
Акындык мен үчүн эч арзуу эмес,
Ушу да жумушпу эркек башыма.
Бардык акындарды жыйсаң арзыбайт,
Үйүмдү сагынып төккөн жашыма.
Мына алар салкын, кең көчөлөрдө,
Энтигип жазышат келечеке кат.
Акыбет жөнүндө кыйкырышат да,
Абдулла Арифти ушак кылышат.
Болду.
Ыр жазбаймын.
Мен эми адам,
Карапайым болуп жашай баштаймын.
Дилиме боор ооруп эгер жазсам да,
Түнү жазып таңда отко таштаймын.
Тилек
Ар кимдин да чачтарына ак түшсүн,
Бырыш түшсүн жүздөрүнө, так түшсүн.
Ар кимдин да кубат кетип белинен,
Колдоруна бир аса таяк түшсүн!
Ыйманы соо, жүзгө кирип жарык жүз,
Тойлор көрүп, желкеден жүк топурап түшсүн.
Баратканда Чын дүйнөгө сапар тартып,
Балдарынын колдорунан топурак түшсүн…
Которгон: Режабали Камолзода