Михаил Лермонтов: Биз акылды жемиши жок илим менен кургаттык

Орус адабиятынан

Акын

Рафаэль ашкан илхамы

Жандуудай кистин колго алып,

Үр сулуудай жаш кызды

Бүткөн соң тартып, таң калып

Өнөрүнө өзү кубанып

Жыгылган экен куланып!

Аздан соң таркап сонуну

Көөдөндө дымып көргөнү.

Жанчылып чарчап шалдырап,

Унутуп калган жалдырап

Табият берген жөндөмүн.

 

Ошондой акын: кылт этсе ой,

Каламдан төгөт коротпой

Бүт жанын; лира үнүнөн

Сыйкырга тунуп бүт дүйнө,

Жүргөндөй бейиш төрүндө

Унутуп өзүң өңүндө,

Арзыткан көңүл аздеги!

Силерди ырдайт, силерди!

Жүрөктүн анан табы өчүп

Солгундап кагат эмеспи.

Көңүл да сууйт кайра анан!

Биринчи көргөн элести

Унутпайт акыл далайга.

 

Атак

Мен атакты издейм неге мынчалык?

Белгилүү го, ашкан жыргал жок анда,

Бирок менин көңүлүм дегдейт шунчалык

Бардык жактан жеткилеңдүү болууга.

Көзөп өтүп караң түндүн алдынан

Азап тартат байкуш көңүл алсыз жан.

Кабыл албай азыркынын бардыгын

Ойдогудай болбой турат ар качан.

Мен эч качан коркпойт элем жазмыштан

Кылымдарга болсо эгерде ишеним:

Мөрөй алчу эмгегиңди жарыштан

Мөгдөтпөсө салып ушак кишенин;

Көңүл коюп угуп жана ишенсе,

Айтып берсең тарткан азап-кайгыңы,

Анан дагы ажырымдап түшүнсө,

Асыл менен карапайым айрымын.

Бирок жетпейм бирөөнө да оюмдун

Ушунчалык бүлүк салган мага алар:

Жер дүйнөдө баары кыска, жоюлгур

Түбөлүктүү атак деген кайда бар?!

Мейли, акындын санаа тарткан арбагын

Мактап урпак азга кылар ыраазы.

Мактаганда жокпу атактын жалганы?

Жойпу да адам – билебиз го биз аны.

Бул ырчыны өмүр жашын аяктап

Жашап өткөн жалгызсырап, жалгыздап,

Башка бирөө унуттурат мажбурлап

Ырын ырдап бийигирээк, жакшыраак.

 

Ыймандай сыр

Ишенемин, ишеничте убадам

Мен өзүмдүн өтпөсө да башыман,

Жашайт эле кечил баспай ишке арам

Кадам жылбай берген ыйык антынан,

Адамдардын жылмаюусу өпкөнү

Анткор эмес, арамза эмес ар дайым.

Аз айыбын жакындардын өткөрүү –

Аларда бар кечиримдүү жагдайы,

Убакыт ал – айыктырган кайгыдан,

Бул дүнүйө бакыт үчүн жаралган,

Ийгилик бул – сөз гана эмес айтылган,

Дүнүйө өмүр – эмес көргөн түш жалган!

Жылуу ишеним, көптү көргөн бул башка

Бирок салат каршылыгын эселеп,

Мурдагыдай муңга толгон акыл да

Толуп келчү максатына жете элек;

Жүрөк турат өкүнүчкө шыкалып,

Терең батып өлгөндөрдүн издери,

Аян берген ыйык кезден куру калып,

Жок дегенде калбай сезим сүлдөрү;

Эч нерседен коркуп койбой сестенип,

Бирөөлөргө үрөй учкан уу болсо,

Мүрөк болуп турат ага эш берип,

Мүнөзүндө окшоп күйгөн заардуу отко.

 

Досторго

Мен туулгам каны кызуу жан болуп

Сүйөм достор, бирге отуруп жаркырап.

Кээ бир кезде бөтөлкөнү бошотуп

Убакытты өткөрүүнү батыраак.

 

Дүңгүрөгөн атак эмес ынагым

Жүрөгүмдү сүйүү гана жылытат,

Жана доошу дирилдеген Лиранын

Кан толкутуп жылаажын үн сызылтат.

 

Бирок ошол ойноп күлгөн учурда

Көңүлүмдү зарыктырган муң турат.

Дуу-дуу болуп ичип кызып турсам да

Жүрөгүмдү санаа басып буулугат.

Өлөр элем. Керекпи анда кайгыруубуз?

Мейли эле антип айрылуубуз.

 

Н. Ф. И… овага

Жакшы көргөм адегенде жалгыздап

Жашаганды сыр жашырып, суз тартып,

Өзүмдү өзүм дым чыгарбай катып жаап,

Коркор элем, билип калса ал азап

Эл бирдеме деп иет деп боор ачып,

 

Бактылуулар түшүнүшпөйт дечүмүн

Алар эмес, өзүм билбейм, сезбеймин.

Мага дабаа боло албайсың эч кимиң:

Достор менен болгон жыргал күндөрүм,

Өбүшүүгө эрип турган кездерим.

 

Бүдөмүктүү мендеги ошол кыялды

Айткым келген ачыгыраак ыр менен,

Анткендиги, окуган соң аларды

Мени менен адамдарды, кумарды

Элдештире турган жалгыз сен дегем,

 

Бирок сенин бейпил, тунук көздөрүң,

Мага келип таңырканып сайылды.

Башың чайкап, учуп чыкты сөздөрүң

Мен акылдан адашыпмын өзгөрүп,

Саа кеп айтып билбестен жөн-жайымды.

 

Ишенип мен сенин айткан кебиңе,

Чөгүп кеттим тереңине жүрөктүн,

Андан барып тапкан олжом эмине:

Мен коротпой эсти майда нерсеге,

Сыры бар бир аракетте жүрөмүн,

 

Ал сыр эмне – асыяга берилген

Асмандагы жылдыздарга артылуу,

Бизге берген убадасы Теңирдин,

Ошолорду убагында билип мен

Калуум керек ойлор, жылдар аркылуу.

 

Бирок менин катаал чыргай мүнөзүм

Бешиктеги кезден бери жеп келет…

Жүрөк менен сезип билбей өлөрмүн

Муңдуу оюмдун зар максатын бир ирет.

 

*****

Эң жаман ата-бала тагдырлары

Ажырап бөлөк жашап, кусалуу өлсө,

Куулуп өзү туулган өлкөсүндө

Маңдайга өсөк болсо жазылганы!

Ата сен, эрдик жасап, антсең дагы

Бүтүрдүң өмүрүңдү каалагандай;

Ушундай болгой эле акыр жагы

Ким сага камдаса да азапты андай!

Бирок сен мени кечир! Мендеби айып?

Адамдар, кудай берген мендеги отту

Амал таап өчүрүүнү көп ойлошту,

Арнаптыр аны мага илме кайып.

Алардын билем бузук аракетин

Жоолашып экөөбүздү кетсе деген.

Азаптын жеми болдук экөөбүз тең!

Күнөөңдү тескей турган мен эмесмин;

Сени анткен сөөлөттүүлөр?! Сөөлөттүң ким?

Кайрымдуу, кара мүртөз пенде тобу,

Куру эле бирин бири мактап коюп,

Ошончо кайра ушактайт бири-бирин.

Аларың ыймансыздар жанын саткан;

Унуттуң сен жериңди, ал да сени

Сен менден бактылуусуң, ал анткени

Жашоонун деңизиндей, алды жактан

Ачылды кыйры чексиз акыретиң.

Өкүнбөй кантип эле коймок элең

Кооптуу күндөрүңө көз жаш төккөн?

Кайгылуу жана жаркын учурга өткөн,

Кум чөлдөн издегендей – көңүлүңдөн

Издеген кездериңди – калдыктарын

Сезимдин, күлүк санаа-кыялдардын?

Мени азыр жаман көрүп калдыңбы же?

Теңебейм акыретти, о, мен анда,

Бул жерге, эптеп-септеп күнүм өткөн;

Мен мында жыргап-куунап жатпасам да

Мен муну жок дегенде жакшы көрөм!

 

Санааркоо

Мен санааркап карап турам биздин ушул муунга!

Келечеги көңдөй, же бир караңгы.

Билиш менен күмөндөнүш жүгүн артып моюнга

Аракетсиз карып кетип каларбы.

 

Бешиктен бел чыкпай жатып биз байбыз,

Аталардын жаңылышка, акылына кирген кеч,

Жашоо дагы зериктирет жол жүргөндөй максатсыз

Чоочун тойдо олтургандай мерекеси бизге эмес.

 

Ары жоктой кайдыгербиз жаман менен жакшыга,

А белибиз күрөшө элек жатканда эле мертинет.

Ар-намызсыз суу жүрөкпүз коркунучтун алдында

А бийликтин алдында биз кулбуз жүргөн жер тиктеп.

 

Мына ошондой, убактысыз бышкан мөмө чүрүшүп,

Же даамы жок, же көркү жок көзүбүздү кубанткан,

Турат гүлдүн арасында жетимсиреп бүрүшүп,

Бактысы анын кези болот жерге үзүлүп кулаган!

 

Биз акылды жемиши жок илим менен кургаттык.

Жагымдуу үн жана илгери үмүттү,

Дос, туугандан ич тардыкта бек каттык,

Ишенчи жок дилибизди шылдың кылып күлүштү.

 

Жан жыргалын жаңы эле ооз тийгенде,

Үнөм кылбай жаш кубатты көп чачтык.

Ар күлкүнү коркуп күлдүк, ашык күлүп ийбе – деп,

Ширебизди сыгып алып өзүбүздү кургаттык.

 

Ыр кыялы, искусство жаратуу –

Канат байлап, же бир козгоп койбойт биздин акылды

Ач көздөнүп сактап сезим калдыктарын бек катуу –

Болду өнөкөт пайдасыз ал санжырганы жашыруу.

 

Жек көрсөк да, сүйсөк дагы кокустан,

Бул экөө үчүн курмандыкка бара албайбыз эч качан.

Көөдөнүбүз сырдуу муздайт байкап карап отурсам,

Жүрөктө оргуп турса дагы ысык кан.

 

Бабалардын алаксыган бай байсалдуу оюну,

Бала кыял шайкелеңдүү жоруктары жадатат.

Артыбызга кылчак-кылчак карап коюп мыскылдуу

Көргө шашмай атактан да, бакыттан да кур жалак.

 

Биз көп менен топураган эскерилбей, эстелбей

Дүнүйөдөн из калтырбай ың-жыңы жок кетебиз.

Кылымдарга же жемиштүү ой бербей,

Эмгегибиз баштап койгон калып жолдо өтөсүз.

 

Туура чечкен калыстыкта жана адамдык парызда,

Бизге урпактар аза күтөр жек көрүшүп ыр арнап.

Дал ошентип, кекээри бар алданган уул тарыкса –

Зөөкүрлөнүп төгүп-чачкан атасына таарынат.

Которгон: Омор Султанов