Нарбаш
(Уламыштан кыскартылды)
–Жорго сөздүү жомоктон жобурап далай-далай кеп айттым, таалим болсун сага деп, тамсилдетип көп айттым. Аларды андай таштайлы, эми, неберем, уламыштан баштайлы.
–Уламыш деген эмне? Айтып берсең чоң эне?
–Уламалуу карыдан, уккан сөздөр — уламыш. Бирок түбү алардын болгондугу анык иш,— деп баштайт маегин чоң эне кулак түргөн небереге.
–Бул уламыш Нарбаш аттуу күлүк тууралуу. Муну мага, сенин чоң энеңе, тандайында сөөлү бар, оозунда ширин кеби бар, айтканынын эби бар таякем Абылай өзү айтып берген. Ал киши куш кармаган мүнүшкөр, ат таптаган саяпкер. Карылыкка таяп калганы менен азыр деле алдуу-күчтүү, тирүү. Сага окшогон жомокко тойбос кумкулактардын табылбас куту. Айылдагы карылардан баштап, кабыргасы ката элек мадыра баштардан өйдө, бири “Абыкелеп”, бири “абакелеп” дагы бирлери “чоң аталап” жанына чогулганы чогулган. Ошо Абылай таякемдин айткан Нарбаш жөнүндөгү уламышын эми мен сага атайлап айтайын, аябай кулак түрүп угуп ал. Анткени анын эң чоң сыры бар.
–Илгери элибиз көчмөндүү турмушту башынан кечирип жүргөн кезинде “ат адамдын канаты” деп бекеринен айтылчу эмес. Манастын Аккуласы, Төштүктүн Чалкуйругу, Семетейдин Тайбуурулу, Курманбектин Телторусу, Шырдакбектин Бозжоргосу жөнүндө эл ичинде не бир сонун жомоктор, легендалар бар. Алар го жомокто айтылгандай: “Жарымы жалган, жарымы чын, жанында болгон киши жок. Алты ай жүрсө арыбас, алтымыш асый болгуча, азуусу түшүп карыбас, куусаң жоону куткарбас, качсаң жатка жеткирбес” дулдулдар.
Ал эми Нарбаш болсо, улама Абылай таякем өз көзү менен көргөн, көрмөк түгүл анын окуяларына аралашып жүргөн, кечеки эле Үркүндүн убагында болгон.
Ошентип бул окуя, Нарбаш баяны — Үркүндүн алдында, он жыл чамасында мурда башталыптыр. Жумгалда байларга жылкычы болуп жүргөн Бекболот деген кедейдин жалгыз бээси кулундаптыр. Жылкы четинде өскөн, жылкынын сырын да, сынын да жакшы билген Бекболот жалгыз бээсинин кулунун көрөрү менен аябай кымыңдаптыр. Буюрса ушу керекке жарайт дейт ичинде. Анткени “айгыр болор кулундун жаак эти чоң болот, кочкор болор козунун маңдай жагы дөң болот”,— дегендей экен ал кулун. “Күлүктүн жышааны — көз менен маңдай”,— деп саяпкерлер бекер айтпайт.
Жалгыз бээси экенине карабай, үй-бүлөсү кымыздан кайыл болсо да мейли деп саадыртпай кулуну менен бош кое бериптир. Себеп дегенде сүткө ээн-эркинче тойгон кулундун сөөк-башы чоң болуп өсөрүн ал жакшы билчү, тай чагында энесин ээмп жүрүптүр. Ал кезде кыл куйруктарды тай кезинен эле үйрөтүп, жаш балдар минип жүрчү дешет. Бирок Бекболот дагы сөөктөнө түшсүн деп нокто катпаптыр.
Ошентип, кийин айтылуу Нарбаш атка конгон күлүк кунан кезинде мойнуна укурук салынып, чалма ыргытылып, биринчи жолу жүгөн салынып үйрөтүлгөн экен. Козу-улак, тай-торпок кайтарган жаш балдардын өз ара тай чабыш, кунан чабыштарында шайбырттанган жүрүшү бар, чапса оозу катуу бул кунандын тизгинин тарта албай нечен жаш чабандестер карууларын карыштырышыптыр.
—Чоң эне, эмне үчүн аны Нарбаш деп аташыптыр?
–Ээ, кулунум, мен да Абылай таякемден так ушундай суроо сурагам. Ал түгүл өңү-түсүн, сымбатын сураганымда Абылай таякемдин айтканы төмөнкүчө.
“… Нарбаш өзү чоң жылкы эле, жаныбар, кажабаган, кара байыр казан ат эле, чиркин. Өңү кара боз-көк эле үркүнгө чейин. Кийин, үркүндөн кийин көргөнүмдө ак аралап көктемгил болуп калган экен жарыктык. Өзү зор жылкы болчу. Туягы жылкыныкындай тегерек эмес, эшектики сыяктуу тултугураак, сүйрү. Көзүнүн чарасы чуңкур. Ээги шалпагайыраак, жамбаш уурчуктары чыгып турган, койкоңдоп көп башын көтөрбөй, ылдыйыраак түз алып жүргөн, анча деле чубал куйрук эмес, орто куйрук, көкүлү кыскараак, жалы суйдаң жылкы эле. Бирок басканда эки чатынын ортосунан киши өтүп кеткендей бар эле, чиркин. Тумшугу ийри, баш сөөгү узун, чоң болгондуктан — баш түспөлү жылкыныкынан башкачараак болуп, нардыкына, төөнүкүнө окшошуп тургандыктан Нарбаш аталган. Бул атты антип эл койгон, саяпкерлер койгон.
Ошо бойдон Бекболоттун көк бууданы Нарбаш атанып Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы ичинде, Кемин, Сары Өзөн Чүй боорунда, быягы Ак-Талаа, Тогуз-Тородо, тыягы Талас, Кетмен-Төбө, ар жагы Анжыян, Ак-Сууда атагы чыгып, нечен чоң ат чабыштарда алдына ат салган жок.
Өзүнүн да, атынын да аты чыкты, эл оозуна алынып кадырга илинди.
Аккан суу менен чыккан чөптөн башкага зыяны жок кембагалдарга ал байгеге келген малды соогатка таркатып берип турду. Өзү да малдуу-жандуу болуп ирдене баштаган.
Так ошол учурда зомбулук кабыргасына баткан эл козголуп көтөрүлдү. Узун шыргый кесип, уч кылышып темирден, бакандарды учташып найза кылып алышып, солдатты көздөй бет алып, жан-жабыла жабышып, бат атарга батынып, беш атарга бет алып чындап алар кагышты. Мылтык, пулемот, замбирекчен орус падыша аскерлерине канчалык бет алып беттешкени менен туруштук бере албай эчен эр көкүрөк азаматтар окко учуп кырылды. Жазалоочу отряддар козголоңго катышпаган тынч жаткан бала-бакыраларды, кемпир-чалдарды, катын-калачтарды кылычтап, аткылап кыра башташты. Мындай чоң алааматка чыдай албай эл Турпанга, Какшаалга — Кытайга үрктү.
Ошо Үркүндө мал-жанынан жолдо айрылган Бекболот да жалгыз мингичи Нарбашы менен Турпанга тууган-туушкандары менен самсып араң жетти. Өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп оокат өткөрүп жүргөн күндөрдүн биринде анын келишимдүү атынын сымбатын, атактуу күлүк деген айыңын уккан жергиликтүү уйгур бай соодагери Нарбашка кардар түштү дейт.
Ачарчылыктан тууган-туушкандары бир четинен өлө баштаганына өксүп, калган тирүүлөрүнө кантип арга табарын билбей жанындай көргөн жалгыз атын, анын ысымын эл оозуна алдырган, ал тургай мурда бир аз малданууга, тууган-туушкандарына каралашууга себеп болуп жүргөн Нарбашты ичинен сыздап сатууга мажбур болду.
–Бул асыл малды аргасыздан сатып олтурам. Кир кол тийгизчү жылкы эмес эле, жаныбар. Айла канча, сатып алган соң мал сеники. Асыл малды асырай билген оң. Мына силердин жылкы күткөнүңөрдү баамдап көрдүм. Жылуу сарайга күн-түнү кармайт экенсиңер. Жалаң жем менен. Бул тоонун малы, тоодо чоңойгон, тоодо жетилген. Аркыраган айдың сыдырым желди, бетегелүү шиберди, мөлтүр булак сууну жакшы көрөт. Эгер, Нарбашты урунам, күлүккө чабам десең, аны эркин карма. Шалдыраган кулпулуу темир кишен салганды мындай кой, асты чидерлеп тушатпа. Элкин чылбырын узун сүйрөтүп бош кой. Тегеренип оттоп өзү деле кетпейт. Бутуна жем түшүп аксабасын десең, жемди беш кочуштан ашырба. Кургак чөптү чактап бер. Нарбашы чоң жылкы, асты бутунан така үзбө, туягы кетилбесин. Ушу. Мага эми Нарбашы менен коштошуп алууга уруксат бер, байбача, — деп Бекболот Нарбаштын жал-көкүлүн сыйпап, маңдайын сылап кадимкидей сүйлөшкөн дешет.
–Кош, Нарбаш, асылым. Мал деген атың болбосо, мага сен бир боордой болуп калгансың. “Өйдө чыксам өбөк, ылдый түшсөм жөлөк” болуп турчу элең. Тагдырдын жазмышы, калк башына түшкөн каран түн мени сенден айрып олтурат. Кечир, мендей пендени…
Нарбаштын көзүндө айланган жашты көпкө тиктеп тура албай каңырыгы түтөп көз жашын сүртүп, шылкыя жанынан басып кетиптир. Аттардын дүбүртү алыстаганда өксүп-өксүп бир топ ыйлаптыр Бекболот.
“Нарбашты жүз сээрге сатып жиберди”,— деген кабарды уккан манап Көкүмбай Бекболотту өзүнүн өргөөсүнө чакыртып жибериптир. Көкүмбай Үркүндөн мурда Жумгалды бийлеген азылуу камандардын бири, мурда нечен арага адам салып, өзү да барып: “Көз акым бар, ушу Нарбашты, мага бергин, саткын” деп Бекболотко нечен акедей асылган. Бирок тиги да: “Ушу бир кыл куйрукту мага ыраа көрүп коюңузчу”,— деп ынанбай жүргөн. Анын үстүнө Нарбаш Бекболоттун күлүгү аталып кеткендиктен Көкүмбай аны зордоп тартып алуудан элден чочулачу. Үйүр-үйүр жылкы берип сатып алайын дегенине да Бекболот көнбөй койгон.
–Ии, Нарбашты саттыңбы? — деп Көкүмбай Бекболотту көзүнөн чаарын чыгара акырая тиктеди.
–Саттым, Көкө, аргасыз. Тууган-туушкандарым ачкадан кырылып калчудай — деди Бекболот.
–Ээй, Бекболот, татыяңды койсоңчу! Кырк күн кыямат болсо да, алладан ажал жетпей, киши өлбөйт. Кана, өзүңүн өлгөнүң. Дүйнөгө кызыктым дебейсиңби?!
–Андай эмес, Көкө. Ошо дүйнөнү сандыгыма салып алсам, арам болсун. Туугандарга кымыран кылып саап ичип турганга майда жандык — кой-эчки сатып бердим.
–Ээ, койсоңчу болбогон кепти. Ошону менен эле туугандарыңдын жаны калат бекен?!
–Көр оокатын эптеп өткөрүп турсунчу деп сатууга аргасыз болдум. Көкө. Баягы бучук Бекболот бир кыл куйругун аяп туугандарын кырып алыптыр деген токон-наалат кептен корктум, Көкө.
–Ии, де бучуктугунду эми билдиңби. А сен мурда эмне эсирип жүрдүң? Нарбаш деген элдин аты, кыргыздын аты, аны сен каяктагы бир сарттын соодагерине сатып. Аны өзүбүз деле алат элек го. Же мага сат деп айткан жок белем.
–Айткансыз, Көкө. Бирок сиз аны Жумгалда — Ата конушта жүргөндө айткансыз. Минтип Турпанда — Кытайда ач-жылаңач тентип каларыбызды кайдан билдик. Аргасыздан дедим го, Көкө.
–Аргасыздан дечи,— Көкүмбай Бекболотту кекетип-мокотуп кирди. – Андай эле аргаң түгөнүп калса, быяктагы жакшылар менен бир ооз ариет кылып акылдашпайсыңбы, макулдашпайсыңбы. Эй, арам, зилиң кара таман да, болбосо күлүк ат, алгыр куш, сулуу кыз элдики болот. Элдики!
–Сиз, Көкө, эң туура айттыңыз жана “жакшы ат, кыраан куш, сулуу кыз” элдики деп. Бирок аргабыз кеткенден айрылып олтурбайбызбы алардан. Мына мен түгүл, сиз деле Кара шумкарды жүз сээрге сатты деп уктук. Уккан кулакта айып жок.
–Наалат! Чык эшикке. Замандын гана чайпалып турганы болбосо… Заман оңолор, ошондо көрөбүз, мунун көр какшыкчылдыгын! — деп Көкүмбай зиркиреди.
–Ылайым эле, заман оңолсо экен! — деп Бекболот чыгып кетти дейт.
Заман чынында эле оңолду! Бирок заман Көкүмбайларга окшогон бай-манаптарга эмес, Бекболотко окшогон ак ниет кедей-кембагалдарга оңолду. Падыша Николай тактан кулаптыр, төңкөрүш болуптур, уруят заман орноптур деген кабарды угушуп Турпан, Какшаалга качып барып тентиреп жүргөн эл жөө-жаландап, ач-жылаңачтыгына карабай күн-түндөп жол басып тууган жерге, аскар тоолуу Ала-Тоого кайра көчүп жөнөштү. Эл менен кошо Бекболот да аман калган тууган-туушкандары менен бир-эки жандыктарын айдап күндөп-түндөп, нечен бийик бел-белестерди ашып, агымы катуу сууларды кечип, бардык азап-тозокко кайыл болуп тууган жерди көксөө күчтөрүнө күч, демдерине дем берип мурдагы Ата журттарына кайтып келишиптир.
Эл мурдагы жай жайына конуп, бирин-экин малдарын багып, өкмөт качкындарга берген жардамын алып тирдене баштады. Бирок Үркүндүн запкысы, залалы кете элек эле.
Бекболот туугандары менен Соң-Көлдөгү эски журтунда экен. Бекболоттун үч-төрт жылкысы, он чакты майда жандыгы бар болчу. Жети үй аны пааналап, аныкынан оокаттанышат, күндүзгү эки маал тамагы анын мойнунда. Эртең менен ар бири эки чөйчөктөн кымыз, түштө бир чөйчөктөн саамал ичишет. Кечкисин суу ичеби, май ичеби ар ким өз кара алачыгынан оокаттанат. Ошентип, “эки бакыр — бир тукур” дегендей тиричилик өткөрүп жаткан күндөрдүн биринде, Бекболот туугандары менен боз үйүнөн эртең мененки үлүштөрүн ичип, дөбөгө чыгып эрмектешип маектешип олтуруптур. Аңгыча эле тиги Нарын тараптагы ашуудан бир жылкы чыга калды. Тай чабымдай алыс, беш чакырымдай жерден, Бекболоттун Өзбек деген жээни, үркүндөн бери аны баш пааналап кошо жүргөн, тиги жылкыны биринчи көрө коюп сүйүнүп кетти:
–Үркпөй калган тиги нарындык тараптагылар жайлоолоп көчүп келатышкан тура. Тигине, көч алдындагы жылкысынын үйүр баштары белге чыкты.
–Буюрса, ак ичип, куда-сөөк тапсак саан-суун алып ичербиз,— деп дагы бири кубанып калды.
Бир кезде баягы жылкы туура тартып, Каракеченин оозун карап туруп калды. Дөбөдө олтургандар бардыгы тигилип жылкыны тиктешет. Бекболот колун чекесине серепчилеп көпкө карады.
–Эй, Өзбек, тетиги жылкынын шаңы — Нарбаштын шаңындай экен. Карачы, жакшылап, Кайып колдоп Нарбаштын өзү болуп жүрбөсүн? Ай, жаныбарым Нарбаш кейиптенет,— деп Бекболот ордунан тура калып серепчилеп тиктей берди. — Өзбек, турчу айланайын, тиги желедеги бир бээге тердик сала коюп барып келе койчу. Кулагынан шам жангансып нур чачырайт, бул Нарбаш! Тур, эмне делдейесиң, чап бат!
Өзбек желедеги бээнин бирин кармап жүгөн катып, жайдак минип чаап жөнөдү. Баягы беш чакырымдагыдай жердеги туу белде турган жылкы катып калгандай мойнун созуп Каракече тарапты карап былкылдабай бир ордунда турду. Дөбөдөгүлөр жарданып тиктеп турушат. Өзбек белди көздөй чаап баратат. Ал бир чакырымдай калгыча баягы жылкы бая турган калыбында. Ошондо Өзбек Нарбаш экенин тааный коюп дагы ылдамдай теминди. Тиги Өзбекти көздөй солкулдап бет алды. Алар бир бирине жакындаган кезде Нарбаш катуу таскактап жандап өтүп, бир аз узай түшүп жайлап калды. Сүйүнгөнүнө чыдабай “кудайлаган” Өзбек тигини дагы үркүтүп качырып жибербейин деп бээсинин оозун кайра буруп жай бастырып жөнөдү.
Нарбаш айылга жакындаганда, анын Нарбаш экендигин даана көргөн Бекболот аксарбашыл айтып, өзүнчө эле делбектеп жүрөт:
–Оо, жараткан, жылкы пири — Камбар ата колдой көр! Аксарбашыл, айланайындар, аксарбашыл! Иши оңолот деген ушу! Ай, жаныбарым, Нарбаш, ай айланайын, Нарбаш. Агайындарымды ачарчылыктан сактап калган, айланайыным. Чочутпагыла. Дүрбөбөгүлө. Өзү келген тура, жарыктык жаныбарым. Иши оңолот деген ушу…
Нарбаш желедеги жылкынын жанына келип токтоду. Бекболот коштогон, дүрбөгөн адамдарды оолак калтырып өзү жалгыз жанына жакындады. Колун созуп бөпөлөп, секин жакындай берди. Нарбаш ээсин тааныгандай былк эткен жок. Бекболот жалын сыйпап, маңдайынан, мойнунан кучактады. Нарбаш да башын Бекболоттун ийнине жөлөп, ээсинин эски тааныш жытын жыттагылап жатты. Эми гана аларга жакындаган эл адамдын да, жылкынын да көзүнөн жаш мончоктоп куюлуп жатканын көрүштү.
Кабыргалары каркайып, омурткалары оркоюп, ичи-ичине жабышкан Нарбаштын көздөрү гана жайнап турганы болбосо, бир эле арбак, териге катырылган сөөктөй. Төрт туягынан тең кан сызылып агып турду. Түртүп койсо жыгылып калчудай. Кантип ушул кейпи менен ушу жерге жеткенине бардыгы айраң таң. Бекболот дароо өз боз үйүн бошоттуруп, эшигин үстүн алдырып, астына шырдак салдырып Нарбашты жетелеп кирди. Ал мурда да, тапталган кезде өзүнө ылайыкталган эшиги кең, чакан кара боз үйдө кармалчу дешет. Бекболот акырын сыйпалап аттын алдыңкы колун чаап чөгөргөндөй алып барып жаткырып дароо жылуу суу менен чылпак, чаң баскан көз кычыктарын, таноолорун, кулактарынын ичин кол жоолук менен тазалап сүртүп, туяктарынын каткан кандарын кетирип, жууп тазалады. Ошондо да Нарбаштын туяктарынан кан сызылып агып турду.
Чөптү кертип тиштегенге дарманы калбаганча жол жүргөн экен жарыктык жаныбар. Бекболот бээлерди саадыртып, ага уйдун сүтүнөн кошуп улам бир маалдан бере берди. Нарбаш да тартынбай иче берди. Эртеси күнү Бекболот коңшу айыл конгон уста-өтүкчүгө дүкөнчөсүн кошо ала келсин деп Өзбекти чаптырды. Өтүкчү уста келгенде Бекболот ага төрт туяк кап жасап бер деп өтүндү. Эски сабадан туяк кап жасап, чийден мык урдуруп, байлап-чечме кончтуу кылдырды. Туяк каптын таманына кебез салдырып жумшактап Нарбаштын бутуна каптатты. “Өтүк кийген жылкыны көрдүк”,— дешип көргөндөр өздөрүнчө эле айраң таң.
Үч күн болот дегенде Нарбаш биринчи жолу ордунан туруп тезектеди дейт. Ошондо Бекболот дагы бир жолу аксарбашыл айтып, улак союп түлөө берди.
–Буюрса, Нарбаш аман калды. Чочудум эле жаныбарыман. Эки жылдан кийин ушу тууган жерин, ээси мени эстеп тээ бир айлык жерден качып келген жаныбарым, ал-күчүнүн калбай калганына карабай жүрө берип, жүрө берип сүлдөрү эле калган тура. Кебетесин көрүп мал болоруна көзүм жетпей, аракет кылып көрбөдүм беле. Мээнет кайта турган болду. Бу жаныбарым ошончо жерден — нечен ашуусу бар белден, көпүрөлөрү жок нечен дарыялардан кантип келгенине башым катат. Канат бүтсө керек, жаныбарыма. Билип турам, аркасынан куугун түшкөнүн. Ким мындай малды колдон чыгарайын десин. Бул жаныбарымды ушунча сөөгү калганы — күндүзү жар-коого, аңчага, арча-кайың, бадал ичине жашынып, түнкүсүн жол тартып оттоп жүрүп отурган. Болбосо муну жолдогу элдер кармап алмак. Же артындагы куугундарга кайда кеткенин көрсөтүп бермек,— деди Бекболот түлөгө келгендерден бата сурап.
–Ырас айтасың, Бекболот. Болбосо мындай мал көзгө бат урунат. Неси болсо да куугунчулар келип калбасын. Мындай асыл малды, накта Камбар атанын тукумун жатка берсек, колдон чыгарсак, кусур урар. Андыктан биздин кепке көн, Бекболот. Муну Акташка чыгарып Өзбек багып турсун, Нарбаштын дайыма жайлоолоп жүргөн өз жайлоосу, өз төрү, ичип жүргөн өз суусу дегендей. Ажеп эмес, чөбү-суусу дары болуп бат оңолуп кетер,— дешти карыялар.
Бекболот Нарбашты Өзбекке жетелетип Акташка чыгартып ийгендин эртеси эле күнү Кытайдан бери артынан түшкөн куугунчулар келишиптир. Алар Нарбаштын кууп артынан акмалап олтурушканын айтышты. Күндүз эч бир көрбөй сурамжылашып, кээ бирөөлөрдүн: “таңга жуук кара боз айгырды көрүп калдым, тиги кыр ашып кетти” дегенин, ай, айтпа ушу Соң-Көлгө качып баратат деп биз да салып уруп жүрүп олтурдук. Ал түгүл Нарын дарыядан өтө албайт, көпүрөдөн тосолу деп көпүрөдө күн-түн түнөп тосуп турдук. Айткандай эле, бир күндөн кийин Нарбаш көпүрөгө келди. Карматпай токойго качып кирип кетти. Үч-төрт күн көпүрөдө күн-түн күтүп, тегеректеги элден сурамжылап эч дайыны чыкпагандан кийин Соң-Көлгө келип олтурабыз”,— дешти куугунчулар.
–Жолдо сурамжыладыңарбы?— деп сурады Бекболот.
–Сурадык.
–Эмне дешет?
–Көргөн жокпуз, уккан жокпуз дешет.
“Ии” деп ичинен кымыңдайт Бекболот. Эч ким көргөн, уккан эмес экен. “Эми бул асыл мал Нарбаш силердин колго тийбейт”, анын кадырына да жетпейсиңер дейт ичинде.
–Анда силер Нарбаштын түбүнө жеткен экенсиңер. Деги такасы бар беле?
–Быйыл такалата элек болчубуз.
–Атаны кокуй, анда накта өлгөн турбайбы, Нарбаш,— деп калп эле кейимиш болду Бекболот. — Деги малдай мал болсочу. Силер күлүктүн баркына жетесиңерби?! Такалатпай койсоңор, ушу бир айлык жолдо эмес, бир күндүк жерде аттын туягы калабы, силердин Турпанга окшогон какыраган сайда. Какшаал дарыясын кантип кечип өтөт. Үзөңгү кууштан учуп өлбөйбү. Аксайдын, Атбашынын суусун айтпаганда да, Нарынды кантип кечип өтөт?! Ошончо жерден мал да келчү беле. Ал түгүл тил-оозу бар адам сурамжылабай келе албайт аяктан, каяктагы бир макулук ат келсин. Ал болсо ошол Какшаал, Турпан тарапта эле. Болбосо небак дарыяга агып өлдү,— деп Бекболот куугунчуларды биротоло түңүлтүп койду.
“Келсе кабар берем, алып кеткиле”, – деп сыпайы узатып жиберди. Ошол боюнча алар кайрылып келишкен жок. Анын үстүнө жаш Совет өкмөтү чек араны тартипке келтирип, мал кууп ары-бери каттаганга, жөн эле чек арадан ары-бери өтө берүүгө катуу тыюу салды.
Кийинки жылы эле Улуу Октябрь майрамынын жылдыгындагы чоң ат чабышта Нарбаш баш байгени алды. Нарбаш жөнүндөгү баян ушундай, неберем. Айбан деле атажуртун сагынат, уктуңбу, көлөкөм. Ал эми адамга Атамекенден өткөн ыйык жер жок, берекем.