АЗА ЫРЫ
(Даректүү аңгеме)
Жүрөктү титиреткен суук кабарды тилмечибиз Шахназ айым апкелди. Ал Баязит университети өткөрүп жаткан эл аралык симпозиумдагы биздин котормочу эле. Баязит университети Анкаранын четки райондорунун бири, Түркиянын орто кылымдагы борбору болгон Чубук калаасынын аймагында, өкмөттүк мекеме-уюмдар жайгашкан ордодон – башкы аянттан кырк чакырымдай алыста экен. Бизди жайгаштырган мейманкана да университетке жакын жерде болчу.
Шахназ айым эки күндөн бери, аэропорттон тосуп алгандан тарта биз менен чогуу жүргөн, мейманканада да өзүнчө бөлмөдө түнөп, тургандан жатканга – таң эртеден түндүн бир оокумуна чейин жаныбыздан чыкпай саксактап жүрдү. Эртең менен мейманкананын ресторанында чогуу тамактанып жатканыбызда ал мага кайрылып калды:
– Агай, мүмкүн болсо мага үч саатка, түшкө чейин уруксат берсеңиз, машинаңызды минип борборго барып, үйдөн кийим-кечемди которуп келе калайын. Жүдөгөн котормочусу бар экен дешпесин окумуштуу айымдар. Кандай дейсиз? Котормочудан кам санабаңыз, доктор Айдин мырза макул болду. Ансыз деле силер менсиз эле, кечээ күн бою орусча сүйлөшүп докладдарды талкуулап, сындап, профессор мырза менин кызматымды тартып албадыбы, – деп чогуу отурган Айдин мырзаны карап жылмайып койду. Ал да мулуя башын ийкеди.
Айдин Маммедов Азербайжандан келген докторлук даражасы бар окумуштуу, аймактын ачык трибуна гезитинин башкы редактору экен. Таанышаарыбыз менен эле ымалалашып кеттик. Биз тууралуу маалыматы кеңири экен. Тарыхыбызды, адабиятыбызды жакшы билген, Айтматовду ай-күнгө теңеген, акыркы романы айта турган оюн айта албай калган армандуу автобиографиялык чыгарма экенин айтып, биздин адабиятчылардан алда канча өйдө талдап ийди. Осмон түрк тилин мыкты билгени танапистерде, кофе-чай ичкен убактарда түрк илимпоздору менен баарлаша калган учурунда билинип турду. Үнүн саал басыраак чыгарып сүйлөп, сынаакы карап, мулуя жылмайып койгону да – адамды өзүнө тартып турат. Бир топ эл аралык симпозиумдарга катышканынын четин чыгарды. Оюн орусча өтө так билдире айта алса да, бир аз кавказдыктардай акцент менен: «Сиз кандай дейсиз, мен сиз түшүнгөндөй айтып жатамбы?» – деп кайра суроо салат сынагандай.
Кечээ жыйында отуруп, Айдин мырзаны өзүмө кантип тилмеч кылып алганымды да сезбей калдым. Сол жагымда отурган котормочу Шахназ айымга эмес, оң колтугумдагы Айдинге шыбырап сурамжылап отурдум. Түрк окумуштуулары ноутбукту пайдаланып, флешкасын компьютерге берип коюп, экран аркалуу баяндама жасашканы мага жакты, бирок негедир илимий иликтөөлөр эмес, статистикалык маалыматтарды санап гана коюп жаткандай сезилди мага. Тарых илиминин доктору, белгилүү илимпоз дешкен профессор мырза «Баязит султандын доорундагы Чубук калаасынын абалы» деген баяндамасында – аны экрандан көрүп отурдум, канча адам жашаганы, канча мечит, канча мончо, канча наабайкана бары, канча кол өнөрчү, канча молдо, канча шакирт болгону, ал тургай он жыл аралыктарында канча адамга жаназа окулганы, анын эркек-аялынын, бала-кызынын саны айтылды. Дагы бир баяндамачы Баязит султандын доорунда канча жолу жер титиреп зилзала болгону, кандай чыгымдар катталганын сандар менен он минутадай санап өттү. Баяндамачылар ноутбуктарынан окуп, экрандан көрсөтүлгөн диаграммаларды ректор мырза кайрадан беш-он минут комментарийлеп баяндамачыларды толуктап турду. Мен таң калгандай Айдин мырзага шыбырайм: «Ректор мырза өтө билимдүү го, ээ?» «Ананчы, ошон үчүн ректор да, – деп көзүн күлмүңдөтө мулуңдап коёт Айдин мырза мыскылдагандай. – Сиз докладыңыздын текстин котортуп, интернет менен университетке салып жибердиңиз беле?» «Ооба, эмне экен?» – дейм. «Мен да жибергем, тигилер да жиберген. Баары компьютерге салынып, программа боюнча иреттелип коюлуп, ректордун алдындагы ноутбукта турат. Даяр текстти комментариялоо – студенттин да колунан келбейби, ректор эмне болуптур», – деп куулана мулуңдайт Айдин мырза.
Баса десең. «Айдин афендим, айтыңызчы буларда илим деген статистикабы?» «Сиз эмне, булардан, түрктөрдөн – советтик, европалык деңгээлди көргүңүз келеби?! Жок, түрктөр башка дүйнө. Аларга Баязит султандын доорунда канча жолу зилзала болгону маанилүү, кызык», – деп мулуңдайт Айдин мырза. «Айдин афендим, мен баяндаманы толук жасагым келбей калды. Эки мүнөт сүйлөп, калганын ректор мырза түркчө комментарийлеп берет – деп кафедрадан түшүп кетем», – дедим. Шахназ айымга да түркчө тексттеги бир абзацты көрсөтүп: «Ушуну гана окуп бересиң, анан айткан сөзүмдү гана котор» – деп ынандырдым. Кечээки кечки жыйын аяктап бараткандагы эң кыска, эки мүнөттүк баяндама төмөнкүдөй айтылды:
«Айымдар жана мырзалар! Бул менин сөзүм эмес. Бул сөз – Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн 1993-жылдын 29-октябрында Түркия Республикасынын түзүлгөнүнүн он жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында айткан сөзү:
«Бүгүн Советтер Союзу биздин досубуз, коңшубуз, союздашыбыз. Биз бул достукка муктажбыз. Бирок эртең эмне болоорун эч ким айта албайт. Ал Осмон империясына, Австро-Венгрияга окшоп бөлүнүп, мүмкүн, учунан суурула баштар. Дүйнө күчтөрү дагы бир салмактуулукка ээ болоор. Так ошондо Түркия эмне кылаарын билиши керек. Биздин бул досубуздун карамагында тили бир, ишеними бир, түбү бир боордошторубуз бар. Аларды байдарек таштабай, түркүк болууга даяр болушубуз керек. Даяр болуу тек гана ал күндү унчукпай күтүп отуруу эмес. Даярдык көрүү керек. Улуттар буга кандай даярданышмакчы? Руханий көпүрөлөрдү бек кармануу аркалуу. Тил – бул көпүрө. Ишеним – бул көпүрө. Тарых дагы – көпүрө. Алардын, тыш арадагы түрктөрдүн бизге жакындоосун күтпөстөн, биз аларга жакындашыбыз керек!»
Бул акылман Ататүрктүн сөзү, тилеги. Муну комментариялоонун кереги жоктур. Ырахмат, көңүл бурганыңыздарга».
Шахназ айым диктордой шаңкылдап залдагыларды өзүнө бурганынанбы, же эң кыска баяндама болгонунанбы, же керели-кечке чарчап-чаалыгышканынанбы, айтор, алакандар бир топко чабылды. Ордума келип отурганымда Айдин афендимдин жыргап күлгөнүн айтпа. Бул кечөө болгон.
Шахназ айым суранып кеткен күнү да жыйын кечөөкүдөй эле саат ондо башталды. Президиумда кечөөкүдөй эле көрүнүш. Ортодо, микрофондо ректор. Эки жагында маданият, туризм министри менен проректор жана аларга катар докторлук даражалары бар өкмөттүк өкүлдөр. Алардын менменсингени – буттарын кайчылаштырып чалкалап отурганынан, саал салаңдай баштаган курсактарын – казыларын алакандары менен сылап коюп, көктү тиктеп көңүлкош кекирейишкенинен көрүнүп турду. Жыйын башталгандан он-он беш мүнөт өтпөй, президиумга отургандар кирген капталдагы каалгадан бир жигит ыкчамдай басып келип, ректордун кулагына бирдемелерди шыбырагандай болду. Анын айтканын министр мырза да укту көрүнөт, орундарынан тура кала сыртты көздөй шашыла жөнөштү. Эми проректор мырза жыйынды башкарып, баяндамачыларга сөз берип калды. Президиумда отургандар чөнтөк телефондорун алып чала-була сүйлөшүп, бир кызык абал болуп кеткенсиди. Кайчылашкан буттарын, чалкалаган белдерин түзөп, галстуктарын оңдоп, костюмдарын топчуланып, мурдагыдай көктү карабай, эки жагын элеңдей тыбырчылап эңкейише шыбырашып кетишкени көрүнүп турду.
Дал ошол учурда Шахназ айым кирип келбеспи. Бутунун учу менен шыпылдай басып келип, биздин жаныбыздагы өзү отуруп жүргөн ордуна отура калды. Өң-далааты жок.
– Эмне болуп кетти, деги тынччылыкпы? – деп шыбырай сурадым кыргызча.
Ал башын чайкады.
– Жок, агай. Борборго киргизген жок бизди. Жолду тосуп салышыптыр, артка кайрышты. Шофер тааныштарына телефон чалса, аянтта бомбалар жарылды дешиптир. Мен да жолдошума чалсам, байланыш жок. Өчүрүп ташташыптыр. Эмне болуп кеткенин эч ким билбейт. «Тез жардам» машиналары гана сиренасын жаңыртып, кулак-мээни жеп, борборго жөнөп жатат, – деди Шахназ айым акырын кыргызча шыбырай.
Анын өң далааттан кеткенинин дагы бир жөнү жолдошу аскер адамы, офицер экенин айткан. Ошого да кабатыр болгону шексиз.
– Балким, аскер төңкөрүшү болуп жүрбөсүн?! Президент Эрдоган Японияда жүрбөдү беле кечөө, – деди Айдин мырза орусча Шахназ менен мага, башкалар түшүнбөсүн дегенчелик кылып.
– Жо-жок, – деп ийди Шахназ айым шашкалактай.
Түшкү танаписке чыгардын алдында ректор мырза келип, эмне болгонун жарыя кылды. Борбордук аянтта демонстрация башталган учурда (эмнеге карата кимдер уюштурганын тактап айткан жок ректор) террористтер эки бомба жардырышканын, андан жүз он тогуз адам курман болуп, алтымыштай адам оор жарадар болгонун айтты. Президент Эрдоган өзү өкмөттүк жыйынды өткөрүп дүрбөлөң түшкөнгө негиз жоктугун айтканын, адеттегидей эле иштей берүүнү бардык мекеме-уюмдардын жетекчилеринен талап кылганын, өлкөдө үч күнгө аза күтүү күнүн жарыялаганын билдирди. Бирок симпозиумдун иши программа боюнча улантыла берет, – деп айтты ректор.
– Жүз он тогуз, – деп орус тилинде шыбырады Айдин мырза мага. – Өтө көп эмеспи?! Кандай дейсиз?
– Өтө көп, өтө көп, Айдин афендим, – деп кайталадым. – Бир эле адамдын каны, жаны канчага турат дейсиң! «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» деген макал бар бизде. Бир эле адамдын бөөдө өлүмү миң адамдын кайгысы болбой коймок беле.
– Албетте, калетсиз сөз. Бир адамдын өлүмү – миң адамдын кайгысы, кандай ыйык сөз. Ыйыктык адам баласына гана, макулуктардын ичинен жалгыз ошого гана мүнөздүү, – деп кошумчалап койду Айдин мырза ойчулдарчасынан.
– Жазыксыз өлүм, бөөдө өлүм – нечендердин муң-кайгысы, көз жашы. Ал түгүл элдин кайгысына айланат. Аны биз өз башыбыздан кечирдик, Айдин афендим. Онунчу жылы сексен эр жигитибиз шейит кетти. Бул чоң трагедия болду элибизге. Беш жылдан бери жыл сайын аза күтөбүз апрель айында. Ыйыктык деген ушу эмеспи, Айдин афендим.
– Билем-билем. Окуяны болгон күнү Би-Би-Сиден көргөм, көрсөтүшкөн. Эрдигиңерге бүт дүйнө күбө болгон. Жаадырган октон жалтанбай жылаңач көкүрөгүн тоскон кыргыздардан башка эл бар экенин мен билбейм, – деди Айдин мырза чын дилинен, мага кошомат кылбай эле. – Силер бүт түрк элдерине үлгү боло аласыңар… Бардык жагынан, – деп кошумчалап койду.
– Ырахмат, Айдин мырза. Биз башка сөзгө өтүп кеттик көрүнөт, – дедим.
– Жок, башка сөз эмес. Учурдун сөзү. Учурдагы сөз. Так ушундай азалуу күндө кайталап айтчу сөз, – деди Айдин мырза.
Кечки жыйындын аяк жагында ректор мырза каза болгондор жүз кырк адам болгонун жарыялады. Жүз кырк адам жазыксыз шейит болду. Дагы канча адамды ажал тооруп турат болду экен?
Симпозиумдун үчүнчү күнүнүн программасында чет элден келген меймандарды Анкарага жакын жердеги кооз жайлар менен тааныштыруу жагы каралыптыр. Түркия өлкөсүндө жарыяланган үч күндүк аза күнүнүн экинчи күнүнө туш келгенин карабайсызбы. Бирок ректор мырза мурда айткандай программа бузулган жок. Аза күтүү дегениң мүңкүрөп, шалдырап отуруп калуу эмес да. Кайра кайраттанып, чыйралып, намыстанып тиричиликти улантуу эмеспи.
Симпозиумдун кийинки эки күнү көбүбүз үчүн миң күнгө тете болду. Көбүбүз адепки күндөгүдөй күлүп-жайнап, бакылдап сүйлөшпөй калдык, негедир чүнчүгөндөй үрпөйүп жүрдүк. Чынын айтсам, ичкен ашым деле сиңген жок көрүнөт. Аза күнүндө саякатка алпаруу мага өөн көрүндү. Экскурсияга көңүлүм чапкан жок. Шылтоо таап калып калайын дегем.
Меймандарды туристтерди ташыган чоң автобуска түшүрүп жатышты. Тилмечибиз Шахназ айым мага кайрылып минтти:
– Агай, сизди проректор мырза өзү менен чогуу жеңил машинага түшсүн деп суранды.
– Айдин мырза мененби?
– Жок, агай, сизди эле айтты. Биз автобус менен барабыз.
– Тилмечсиз мен дудук болбоймунбу. Экөөңдүн бириң мени менен болгула, – дедим.
– Анда сиз менен Айдин мырза кошо болсун деп айтайын проректор мырзага.
Ошентип, Айдин мырза экөөбүз проректор жана үч-төрт айым отурган чакан микроавтобустан орун алдык.
– Көңүлүңүздөр кандай? Чарчаган жоксуздарбы? – деп сурады проректор.
Айдин мырза мени укуду, сиз айтыңыз дегендей. Мен орусча айтып, Айдин мырза түркчө которуп турду.
– Чарчадык, аябай чарчадык. Ар күнүбүз «Кылым карыткан бир күндөй» болуп атпайбы, – дедим.
Аны Айдин мырза түркчө которгондо Айтматовдун атын атап, «Кылым карыткан бир күнүндөй» деп кошумчалады.
– Жок, аны адегенде Айтматов айткан эмес. Бул учкул сөз Александр Блокко таандык, – дедим. Айдин мырза мени карап куулангандай мулуюп, орусча акырын минтти:
– Булар Блокту билбейт. Айтматовду билишет. – Анан менин сөзүмдү которгон болуп түркчө сөзүн улады: – Калк жазары (түркчө эл жазуучусу дегени – моюнга илген бейжикте атым менен кошо жазылган сөздөр) аза күтүүнүн ар бир күнү кылымга тете эмеспи деп айтып жатат, – деп менин оюмду көкөлөтүп койду.
– Албетте, оор күндөр. Бирок тиричилик өз нугу менен улана берет да, табияттын мыйзамы ушундай эмеспи, – деди проректор.
– Ооба, ошондой профессор мырза, табияттын мыйзамынан буйтап кете албайсың. Бирде өлүмдөн – өмүр улук, бирде өмүрдөн – өлүм улук, – дедим, эки күндөн бери бышырып алган оюмду айттым орус тилинде.
Аны Айдин мырза түркчө жакшы которуп берди белем, аркабызда баятан тымпыйып отурган зайыптар да жандана түшө өз ара сүйлөшө кетишти.
Ушу сөздү гана күтүп отургандай проректор мырза алдыда, айдоочуга жанаша отурган отуздардагы жигитке кайрылып башта дегендей сөз айтты көрүнөт, ал оңдонуп-түзөлүп алып бизди карап ырдап кирсе болобу. Калп айтпайын, адегенде этим жыйрыла түштү, бул эмне деген жорук дегендей Айдин мырзаны суроолуу тиктедим. Ал унчукпаңыз, угуңуз дегендей башын саал чайкап, ээгин экчеп койду.
Жигит: «Лаа илааха илла аллах» келмесин биздин молдолордой эмес, ырдап аткандай кылып, көп жолу угуп жүргөн, огуз тутумуна кирген түрк элдеринин – азербайжан, түркмөн, түрк элдеринин эркектана артисттериндей кайрыктарды ичке сызылган үн менен бир топко созуп, анан обон аткарган ырчылардай эки-үч куплетти удаа айтып аягын: «Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар» – деп тобо келтирип кайталаганда арка жакта отурган зайыптар ага кошула: «Алхамдулиллах» – деп өксүккө шүгүр айтып, кошок кошкондой салонду жаңыртып ийишти. Маркумдун жаназасында көп кайталанган араб тилиндеги бул келмелер бизге да тааныш эмеспи. Бирок ыр менен кошоктолуп айтылып жатканда таптакыр башка таасир этет экен. Осмон түрк тилин жакшы билген Айдин мырза зикир чалганга катышкандай сөздөргө уюп башын ылаалап баратты.
Ырдын сөзүн түшүнгөнүм жок. Боолголоп бараттым – бул «Аза ыры» экенин, акылды айран кылган, эсти эки кылган алакчын дүйнө тууралуу арман экенин. Которуп берчи деп Айдин мырзага да кайрылбадым, анын экстаз абалга муюп кеткенин көрүп.
Бул аза ырын өзүмчө жоруп коём. Адамзаттын кайгысы те алмустактан – эгиздин түгөйү Кабыл сыңары Абылды өлтүргөндөн башталган. Ошондон тарта кайгы адамзатты коштоп келет. Ошол күндөн ушул күн кабылдар көбөйгөндөн көбөйүп, шейит кеткен абылдар арбыгандан арбыды. Бирден – жүзгө, жүздөн – миңге, миңден – миллионго, он миллиондорго жетти. Адамдын кайгысы баягыдай, мурдагыдай эле, ал түгүл көнүмүшкө айланып бараткандай. Адамдагы жырткычтык инстинкт күчөгөндөн күчөп бараткан жокпу?! Канткенде кабылдар менен абылдар кайрадан эгиздей жаралат? Же жарала алабы, же албайбы? Баш ооруткан маселелердин түйүнүн ким чечет? Топон суу чечеби акыры?
Өлүм өзгөргөн жок. Күнүмдүктөн түбөлүктүүлүк азгырыгына баш ийип баратат. Ажал – улук, өлүм – ак. Ушуга баш иебиз. Бул табигый да мыйзам. Антсе да, адам пендеси эмне үчүн жазыксыз өлүмгө дуушар болушу керек? Ал деле Күн астында күнөстүү жерде, Ай астында айдың жерде өмүрүн улап жашап өтсө болот эле да. Өзгөчө жаштардын бөөдө набыт болгону күйүт эмей эмне? Ый-муң эмей эмне? «Аза ыры» ошолорду муңканып жаткандыр…
Бир кезде, жарым саатка чукул убактан соң, капыстан «Аза ырын» ырдап жаткан жигиттин тили төөнөлгөндөй, үнү буулду. Тымтырс боло калды. Селт эте түштүм.
– Браво, бали! – деп ийдим италянча, кыргызча акырын.
– Браво, – деп коштоп кетти Айдин мырза да.
Ырдап келаткан жигит көзүн жашылданта башын ийкей, оң колун бооруна алды, баалаганыңарга ыраазымын дегендей.
Сөз сүйлөш керек эле тунжуроону жандантып. Аларга маркумду узатуу каадасы тууралуу айтайын деген ой келди.
– Бизде, кыргыздарда да, байыркы гректердей маркумду ыр менен даңазалап узатат,– деп баштадым сөзүмдү. – Эки-үч күн бою эр адамды жерге бергенче өзүнчө боз үйгө коюп төкмө акындар ат үстүндө комуз менен коштоп элге кылган кызматын даңазалап ырдашат. Аялдар кырк күн кара кийип кошок кошушат. Өмүрдү мактап, өлүмдү даңазалайт. Армандарын ыр-муңга чыгарат. Өмүрдөн өлүм кымбат кыргыз баласына – деп Айдин мырзаны карадым да: – Которуп бере бер, афендим – дедим. Ал менден узагыраак сүйлөп бергендей болду. Эмнени кошуп айтканын билбейм, проректор мырза башын ийкегилей кунт коюп угуп отурду. Анан колун созуп, алаканымды бек кысты.
Экскурсияда эмне көргөнүмдүн кереги деле жоктур. Кооз, ажайып жер ар бир элде, ар бир өлкөдө бар да. Антсе да ар кимге өз жери Мисир эмеспи, биздин жерге кайдан жетсин.
Кайра кайтып келатканда «Аза ырын» кайрадан ырдап берди түрк жигити. Оор жүктү моюндан алып салгандай муюп угуп келаттык. Адырлардын үстүндөгү Анкарага асманда сансыз жылдыздар жымыңдап, калаада электр жарыгы балбылдап жайнаган кезде кирип келдик. Борбордо бейпилдик орногондой. Эртең аза күтүү күнү аяктайт.
Анкара. Амазия.
10–15-октябрь, 2015-жыл.