Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма
Меңди Мамазаированын “Аймаран” романынын каармандары – азыркы замандын кишилери
Эң алды менен айтып коёюн, адабиятчы же сынчы болбосом да, романды окуган соң, окурман катары да, чыгармачыл адам катары да, кала берсе жазуучунун калемдеш-замандашы катары өз пикиримди жазууга белсендим.
Улуттук адабиятыбыздын тарыхында бардык жанрда бирдей эмгектенген жазуучулар сейрек. Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова ошондой сейрек калемгерлердин катарына кирери баарыбызга белгилүү. Албетте, бир эле мезгилде акын, прозаик, драматург, публицист жана журналист болуу оңой эмес. Бирок, ушундай көп кырдуу чыгармачылыгынын ар бир тармагында айтарлык ийгиликтерге жетишип, улуттук адабиятта көркөм сөз чебери катары татыктуу ордун тапты.
Жазуучу-акындын чыгармалары анын адамдык насилинин жана жарандык позициясынын күзгүсү эмеспи. Меңди Мамазаирова өзүнүн поэзиясында жеке сезимдердин алкагынан чыгып, доор гөйүн, анын ичинде кыргыз эли тушугуп жаткан курч маселелерди жана адеп-ахлактык, мекенчилдик, жарандык теманы көтөрүп, публицистикалык жалындуу ырларды жаратып келатат.
Айрыкча, 90-жылдардан кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доору жазуучунун чыгармачылыгында да жаңы баракты ачты. Коомдук окуяларга кайдыгер карабай, эгемендүүлүк карапайым элдин үмүтүн актадыбы, жашоосун жакшы өзгөрттүбү деп ой толгоп, энелик жүрөгүнө эл тагдырын батырып, “Энелер үнү”, “Тур, улуу журт!”, “Элим ай!” аталыштагы публицистикалык поэмаларын жазган. Бул чыгармаларында эркиндикке ээ болгон элибиздин патриоттук духун ойготуучу чакырык таштап, жаңыча жашай билүүгө жана эл бузарларга алданбоого, ынтымакка жана биримдикке үндөп, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күрөш ар бир жарандын парызы экендигин канкакшап айтат. Чыгаан адабиятчы Эсенбай Нурушев М.Мамазаированын поэтикалык чыгармалары тууралуу айтып келип, бекеринен “Мекенчил Меңди” деп атабаса керек.
Ал эми жазуучунун драмаларында да мекенчилдик темасы алдыга чыгат. Оштогу Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында автордун эки спектакли ийгиликтүү коюлду. “Кымгуут түшкөн бир кечте”, “Үй камагы” аттуу драмалары – так ушул учурдун көйгөйүн камтыган чыгармалар. Республикалык бир топ театрларда “Аппак аял, Айдай кыз”, “Актриса”, “Наристеге арналган хризантема” пьесалары ийгиликтүү коюлуп келүүдө. Автордун чыгарма-куржунунда республикалык сынакта жеңген “Курьер” пьесасы, жаңы жазылган “Кечиктиң!” драмасы театрдын рампасын күтүп жатканы менен кабардармын.
Меңди Мамазаированын заман темасын эпикалык проза жанрында да улантып, көп жылдык эмгегинин акыбети болгон “Аймаран” романында бүгүнкү күндүн сүрөтүн тартат. Бул – автордун эсеп боюнча үчүнчү романы. Айта кетсек, 1988-жылы жазуучунун “Турумтай” романы жарык көрүп, атактуу жазуучулар: Төлөгөн Касымбековдун, Казат Акматовдун көңүлүн бурат. Ошол кезде Кыргызстан Жазуучулар союзунда атайын конференция уюштурулуп, айтылган ой-пикирлер андагы популярдуу “Кыргызстан маданияты” газетасынын бир бетине толук берилгенин окуган элем. Андан кийин “Акимдин махабаты” аттуу романы жарыкка чыгып, авторго чыгармачылык чоң аброй тартуулады. Бул чыгарманы талдаган көлөмдүү макаласында филология илимдеринин доктору, адабиятчы Мырзабек Жумаев калыс баасын берип, окурмандардын бүйүрүн кызыта турган чыгарма экенин белгилеген.
Жазуучу кайсыл бир телемаегинде бул романдын жазылыш таржымалы жөнүндө минтип айтканы эсимде: “Жазуучу өзү жашаган доорду чагылдыруу үчүн адегенде ошол доорду аңдап, коомдук өзгөрүүлөрдүн түпкү себептерин иликтеп-талдап, өзүнө сиңиргенде гана жаза башташ керек”.
Калемгер айым айткандай, 90-жылдардан кийин Кыргызстандын социалдык, экономикалык жана саясий турмушундагы жаңыланууларга өзү күбө болсо да, тарыхый окуяларды натуралай сүрөттөөдөн алыс болду. Бүтүндөй система кыйрап, адамдар көндүм жашоо нугун жоготушуп алдастап калышкан, ал эми жаңы замандын талабын, мыйзам ченемдүүлүгүн өз убагында аңдап-билүү жана кабыл алуу кыйындыкка турган жылдары М.Мамазаирова да ал өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн адам катары чордонунда жүрдү. Ой-сезимди оодарып, адамды татаал суроолорго кептеген бул кескин бурулуш мезгилдин чоо-жайын түшүнүп-түшүнбөй туруп, окурмандын бүйүрүн кызытуучу курч окуялуу чыгарма жаза коюп, арзан абройго жетүүгө умтулбады. Бул баарыдан мурда да чыныгы искусствонун ыйык милдетин, жазуучулук жоопкерчилигин жогору койгон калемгердин иши эмеспи. Меңди Мамазаирова доорлор алмашкан мезгилдеги тарыхый окуяларды аңдап-түшүнүүгө кылдат мамиле жасап, узак жылдар бою көркөм иликтөөсүнөн өткөрүп келиптир. Натыйжада, 2018-жылы окурмандардын колуна тийген “Аймаран” романында китеп сүйүүчүлөрү көптөн күткөн теманы – заман темасын камтыптыр.
Бул роман кыргыз адабиятынын акыркы чейрек кылымында жаралган чыгармалардын ичинен көлөмү боюнча да, көтөргөн жүгү боюнча да масштабдуулугу менен айырмаланат. Автор жаңы замандын жаңы каармандарын, болгондо жаңы доордун туундулары болгон жаңы социалдык катмардын коомго тийгизген таасирин, жаңы социалдык мамилелерди, идеалдарды, психологиянын кескин айырмачылыктарын камтыган көркөм жалпылоого жетишкен. Бул доордун көркөм элеси бизге тааныш, чыгармадагы окуялар кыргыз элинин турмушундагы акыркы 20-30 жылды камтып, анын каармандары – биздин замандаштарыбыз.
Романдын сюжети – белгилүү ишкер аял Тумар Муратованын жана анын чөйрөсүндөгү бир топ тагдырлар чиелештирилип түзүлгөн. Романдын жаңылыгы эмнеде? Кыргыз адабиятында жаңы доордогу ишкердин жана шаардык интеллигенциянын турмушун ичтен сүрөттөгөн масштабдуу чыгарма экендигинде. Автор ошол турмуштун табиятын, оош-кыйыштарын терең билгендигине жана көркөм электен өткөргөн жазуучулук тажрыйбасына таянган.
Кыргыз окурмандары жогорку чөйрөдөгү интеллигенциянын турмушун чагылдырган чоң прозага суусап тургансыйт. Анткени, коомдук баалуулуктар өзгөргөн заманда ири бизнес өкүлдөрүнүн жомоктой кооз жашоосу, олигархтардын шаан-шөкөттүү турмушу жөнүндө массалык адабиятта, көркөм тасмаларда, интернет-сайттарда, ютуб каналдарда алда-качан эле стереотиптер түзүлүп калган. Алар коомчулуктун көңүл чордонунда болушуп, карапайым калктын бир чети суктануусун, экинчиден обочолонуусун жаратты. Бул олигархтар жөнүндө мифтерге жана алар ак эмгеги менен байышпайт деген стереотипке байланыштуу. Калың элге кыргыз миллионерлеринин бай жашоосу, ак сарайлары, кымбат автоунаалары, чет өлкөлөргө саякаты, кымбат курорттордо эс алуусу көмүскө деле эмес. Анткени, бул тема – азыркы публиканын эң эле сүйгөн темасы жана көшөгө эчак ачылган. Бирок, адам тагдырын, жан дүйнөсүн изилдеген көркөм адабиятта кыргыз олигархынын бейнеси казыла элек дың бойдон келе жатат.
Меңди Мамазаирова “Аймаран” романында ошол дыңды бузууга алгылыктуу аракет жасаптыр. Романдагы окуялар – башкы каарманы ири курулуш компаниянын жетекчиси, ийгиликтүү жана белгилүү ишмер Тумар Муратованын айланасында чиеленишкен.
Окуя ири бизнестин ээси болгон айымдын дүрбөлөңдүү түрдө Москва шаарына учуу үчүн “Манас” аэропортуна өзүнүн автоунаасы менен таң эртең баратканын баяндоодон башталат. Окуя арасында ишкер айымдын элиталуу райондогу жаңы салынган үйүнүн өзү каалагандай жасалгалаткан, гректердин Колизейин элестеткен кең-кесири жана ээн батири, “Лексус” автоунаасы, Карина аттуу чет элдик үй кызматчысы, дүйнөнүн Америка, Лондон, Япония, Индия, Хайнан сыяктуу көптөгөн өлкөлөрүнө учуп жүрүп көнүмүш болуп калган “Боингдеги” аба сапары жөнүндө учкай сүртүмдөр анын дөөлөттүү жашоосунан кабар берет. Ал эми ал айдап бараткан автоунааны токтоткон жол тескөө кызматкери Тумарды көрөрү менен таанып, жол эрежесин бузганына карабай коё бериши, самолетто бир катарда олтурушкан жаш жубайлар да аны таанышып, “Тумар Муратовна болосузбу?” деп сурашканы бизнесмендин эл арасында белгилүү адам экенин айгинелейт.
Бирок, автор чыгарманын баш каарманы менен бизнеси да, бай жашоосу да татыбай дүрбөлөңгө түшкөн, тирүүлүк көздөн учуп, арбаган ажалдын торунан качып бараткан маалында тааныштырат. “Акча баарын чечет” деген заманда ишкер айымдын чоң мүмкүнчүлүктөрүнө карабай үшүн алып, коркунучка кептеген эмне болду? Ал жаш-карыга, падыша-кайырчыга жана бай-кедейге карабаган, баарына бирдей болгон ажалдын суук коркунучу эле. Күтүүсүз жерден өзү онкологиялык ак кандуулук илдетине чалдыкканын уккандан кийинки аңтар-теңтер болгон дүйнөсү менен акыркы үмүтүнө жармашып шыпаа издеп Москвага карай учуп бараткан экен. “Эмне үчүн? Эмне үчүн мен кабылышым керек? Эмне үчүн так мен оорушум керек?”. Бул суроолор акчага жана дөөлөттүү жашоосуна таянып, чечилбеген маселе болбоочудай өзүн кудуреттүү сезип калган ишкер айымдын шаштысын алды. Ийне көзүндөй акыркы үмүткө жармашты: Трансплантация! Бир туруп Москва шаарынын атактуу клиникаларында мыкта адистерден текшерүүдөн өтсө, баштапкы диагнозу жаңылыш чыгар бекен деген үмүткө жетеленди.
Ушул жерде ишке жана адамдарга байланыштуу нечен түйүндүү маселелерди акыл жана чечкиндүүлүк менен чече билген күчтүү айымдын бейнесин ачуудагы автордун дагы бир чеберчилигин белгилөөгө болот. Ага өзүнүн оор дарты жөнүңдө угуу катуу сокку болсо да, бул кайгысы жөнүндө эч ким менен бөлүшкүсү, а түгүл кара чечекей уул-кыздарына да билдиргиси келген жок. Кайгыга мүңкүрөгөн алсыз абалын эч ким көрбөшү керек эле. Жакын адамдарынын ага боор ооруганын көрүүнү жана түйшүккө салууну каалаган жок. Тагдырынын бул оор сыноосун күчтүү жана намыскөй адам гана ушинтип көтөрө алмак. Карайлап турганында үй-бүлөсүнүн тагдырын да ойлогонго күч таап, балдарына мурас бөлүштүрүп, бардык ишин жыйынтыктап, анан эч кимге айтпай, дарыгерлердин анын өмүрүнө карата акыркы өкүмүн угууга бел байлап, чет өлкөгө учуп жөнөйт.
Романдын башталышында окурмандын кызыгуусун ойготкон мистикалык окуя да ыктуу пайдаланылган. Тумар Муратова таң заарлап автоунаасын өзү айдап, аэропорт жолунда баратканда анын бет алдынан эки жылаңач наристе кыз жетелешип жолунан кесип өтөт. Бул көрүнүшкө эси оой түшкөн аял “Лексустун” тормозун чукул басып токтотуп, сыртка чыгып, кыздар кеткен тарапты карап, же көрүмчү экенине, же сырдуу белги экенине акылы жетпей, көпкө чейин дендароо болуп турат. Жакшылыкка жоруп, жолун улап баратканда негедир көңүлүнө эгизинин түгөйү Кумар түшөт. Экөөнүн жолу бийкеч кездеринде ажырап, бир жигиттен кызганып, андан алыстатуу үчүн атайылап Орусияга миграцияга жөнөтүп ийгенден бери кездеше элек эле. “Түгөйүм Кумарым кайдасың? Билем. Кең Россиянын бир жериндесиң. Новокузнецскиден катың келген. Кийин телефон чалгансың Междуреченскиден. Орус жигитке турмушка чыкканыңды айтып”, – деп каңырыгы түтөгөнү бекеринен эмес. Анткени, Кумардын чет жердеги белгисиз тагдырына өзүнүн күнөөсү бардыгын биринчи жолу мойнуна алып, анын алдынан өтүүгө, бир туугандык кыйышпас мамилесин арноого ниеттенет.
Бул болсо жакында өмүрү менен кош айтышы мүмкүн экенин билген адамдын өлүм алдында жан дүйнөсүн тазалап, күнөөсүн жууп, жаңылыштыгын оңдоого жасаган табигый каалоосу эле. Тумар Москва шаарына келип, кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүп, анын тыянагы чыкканга чейинки бир нече күн ага өткөн өмүрүнө кылчая карап, сарасеп салууга түрткү болду. А түгүл атасы Нурадилдин эки кызына арнап жазган жана мураска калтырган күндөлүгүн да ушул күндөрү окуду. Атасынын көзү өткөндөн кийин апасы Умугүлсүн анын колуна тапшырган боюнча ачып барактай элек күндөлүктө ал өсүп чыккан башат, ата-энесинин өмүрү, өзүнүн балалыгы, туулуп-өскөн жери жөнүндө кымбат эскерүүлөргө кездешет. Көрсө, ата-энеси өз өмүрлөрүн айылдык балдарга билим-тарбия берүүгө арнашып, карапайым турмушта жашашса да ак эмгектен бакыт жана жашоо ырахатын табышкан мыкты адамдар болушкан экен. Өмүрдү жөнөкөй жана татыктуу жашап өтүшкөн ата-эненин тагдыр жолун атасы узак жылдар бою жазып жүргөн күндөлүктөн кеңири таанышкан Тумар жашоого башка өңүттөн кароого аракет кыла баштайт. Ата-эненин таберигинен адамдык парз жөнүндө эң мыкты сабак алып, алардан кийин эле эң жакын адамы бир тууганы, түгөйү Кумар экенине жүрөгүнөн ынанды. Аны менен көрүшүп, жашоосунан кабар алып, эчен жылдар бою жүрөгүнө үйүлгөн сагынычын таркатып, айыпкер сезиминен арылып келүү башкы милдети экенин түшүндү.
Бул кадамды жасоо Тумар үчүн тазалануу жана арууланууга тете эле. Ак кан илдетке чалдыгып, тирүүлүк көздөн учуп калганда, ийненин көзүндөй үмүттүн шооласын эш тутуп жашай баштаган санаалуу күндөрдө ал өз өмүрүнө кылчая карап, басып өткөн жолун талдап, жаздым баскан учурун мойнуна алып, тагдыр тамашасына тан берип, асыл деп жүргөн сүйгөн адамынын арзандыгына, туруксуздугуна жүрөгү канап, кызырдай болуп кездешип, жол көрсөткөн Ариет карыянын сырдуу элесине акыл-калчап, бир өкчөлүп, бир жазылып, эскерүүлөрдүн деңизин сүзүп өттү.
Романда Тумар “…өмүрдүн ар бир күнүн бош, бекер, маңызсыз өткөрбөгөн, өзүнө да, өзгөгө да талапты катуу койгон акыйкатчыл, чынчыл эркек мүнөз аялзаты” катары сүрөттөлөт. Ал 90-жылдары “СССР деген алп кеме океандын алдындагы айсбергге урунуп кыйраган” доордо жашоосу будуң- чаң түшкөн, эл мүлкү таланып-тонолгон, төңкөрүштөрдөн, саясий жана экономикалык кризистерден алсыраган Кыргызстан өлкөсүнүн бардык кыйынчылыгын жүрөгүнөң, акыл-сезиминен өткөргөн мекенчил, эстүү жана эрктүү аял. Ал өз күчү, билими, акыл-парасаты жана уюштуруучулук таланты менен бийликтин тепкичтеринде көтөрүлүп баратып, саясый карьерадан да өз эрки менен баш тартты. Ал бийлик өкүлдөрүнүн, эл тагдырын чечер адамдардын жоопкерсиздигинен, эки жүздүүлүгүнөн жана жемкорлугунан иренжип, бул топтон кетүүнү чечти.
“Мен башка жолду тандайм! Эл үчүн, туулуп-өскөн Мекеним үчүн пайдалуу иш кылам! Бул курулай сөз эмес! Каруум казык, каным азык болсун! – деп ичинен катуу бекиди”. Бул жагынан атасы Нурадилдин канынан агып келген мүнөзү, тарбиясы, жашоодогу тутунган эреже-принциби түрткү болду. Бул чечим Тумардын турмушундагы чоң бурулуш болчу. “Тумардын Тумардыгы ушунда эле!” Романдын баш каарманы Тумар Муратованын бейнесине бул сүртүмдөр ынанымдуу чыккан. Тагдырдын көп соккуларына сынбаган, көздөгөн максатына өжөрдүк жана адамдык кудурети менен жете билген күчтүү инсандын бейнеси андан ары да ырааттуулук жана бир бүтүндүк менен ачылат.
Бирок, ишкер айымдын жеке жашоосунда тагдыры татаал болду. Бийкеч кезинде арзыган адамы Батыркан экөөнү ажыратып, ала качып кеткен Назар менен жашап, өмүрүн өткөрүп келе жатат. Ага себепкер Назардын апасы Алдей эне болгон. Эненин көз жашын, жалынычын кыя албай, чын дилинен аяп, өз бактысын курмандыкка чалат.
Бул улууну сыйлоо, адамга болгон боорукердик – Тумардын мүнөзүнүн дагы бир кырын ачып турган өзгөчөлүк. Мындай улууга урмат, уңгулуу сөздү уга билген, улуттук таалим-тарбияга сугарылган адеп-ахлактык сапаты көл жээгинен жолуккан Ариет карыяга жасаган мамилесинен да көрүнөт. Тумар Ысык-Көлдүн жээгинде ден соолукту чыңдай турган чоң медициналык борбор куруу үчүн ылайыктуу жер издеп жүргөндө кокусунан жолуккан Ариет карыянын ага кушу түшүшү да бекеринен эмес. Бул сырдуу карыя ыйык көлдүн ээси сыяктуу. Касиеттүү жерди, көлдүн тазалыгын арам буттууларга ыраа көрбөй коргоп жүргөн мифологиялык каарман. Ал көрүнгөндүн көзүнө көрүнө бербейт. Тумардын адамдык нарк-насилин таразалап туруп купулуна толгондон кийин гана сырын ачат. Карыя ага кыргыз элинин көөнө сөздөрүнө ширелген, улуттук философия жыттанган асыл, сырдуу батасын бергени да кызык:
“Ташка таруу бүткөнчө жамандык көрбө, жарыгым!
Музга буудай бүткөнчө муң көрбөгүн, жарыгым!
Көлгө коон бышканча кордук көрбө, жарыгым!”
Бул батасына кошуп: “Эң биринчи жандениңди тап!”, – деген купуя нускалуу насаатын айтат. Бул акыл-насаат Тумарга гана эмес, жалпы кыргыз элине ата-бабабыздын эскертүүсү, каалоо-тилеги катары айтылгандай. Эгемендүү мамлекет болгондон бери саясаттагы ызы-чуу, жемкорлук, улуттук идеологиябызга жат идея, программалардын күчөшү, карапайым элдин арабөк калган тагдыры, биримдиктин, ынтымактын ыдырашы эл-жерибизден кутту качырып, өнүгүү жолун бууп, саясий-экономикалык кризиске белчебизден батырган кесепеттен кутулууга чакырык таштайт. Бул кризистен кутулуунун бирден-бир жолу – бул Тумарга айтылган насаат: “Жанденди тазалоо!” Ошондо гана улуттук өнүгүүгө жол ачылат.
Романдын финалында Тумар дартына чет өлкөдө кымбат операция жасатуу үчүн барган жеринде Ариет атасы кайрадан “жолугат”. Кызырдай болгон сырдуу карыя ага: “Ата-Мекениңдеги, Көл боюндагы дарылык касиети баа жеткис “аймаран” чөбүнө жөнө, токтоосуз бар!”, – деп айтып, анан көздөн кайым болот. Ариет карыяга болгон ишенимдин күчтүүлүгүнөн Тумар бул маалыматты дарттан айыгууга берилген аян катары кабыл алат. Аны өзү туулуп-өскөн касиеттүү Көлдүн жаман бут баспаган таза жээгинде сейрек өскөн дары чөп гана айыктырышы мүмкүн экенине ынанат. Ушундай ишеничте чет өлкөдө белгиленген операциядан баш тартып, кайра шашылыш түрдө өз мекенине кайтып келет.
“Аймаран” романындагы Ариет карыя, атасы Нурадил, апасы Умугүлсүн, кайненеси Алдей – романдын идеялык жүгүн көтөрүшкөн каармандар. Автор алар аркылуу чыгарманын бир бүтүн идеялык концепциясын берүүгө аракеттенген. Кыргыз эли өзүнүн узак тарыхый жолунда кумдан алтындын күкүмдөрүн иргегендей жашоо баалуулуктарын тандап, өркүндөтүп, байытып, кийинки муундарга мурас калтырган улуттук дөөлөттөрдү тулку боюна сиңирген каармандар. Романдагы кыргыз элинин эр жүрөк жана рухий аруу кызы, ак сүйүүнүн символу Тумар ханыша коргоп, ыйыктыгын тазалап турган Ысык-Көл жөнүндө уламыш да ушул идеялык жүктү көтөрөт.
“Аймаранда” башкы каармандын бүтүндөй турмушунан ажырагыс сюжеттик линия бар. Ал – жаштык кезде жүрөгү арзыган Батырканга болгон өчпөгөн, бирок машакаттуу махабаты. Эки тараптан тең жалындаган бул сүйүүнүн бактылуу тагдырына Тумарды тааныбаган эле Назардын кокусунан ала кача кетиши каскак болот. Назардын торунан чыгууга Тумардын эрки жетмек, бирок анын энеси Алдейдин мөмөдөй салбырап, башын ийип, жалынып-жалбарган аяндуу энелик жүрөгүн кыя албай, аяп калып калат. Назар экөө бир үй-бүлө күтүп, 3 перзент көрүшүп, жакшы балдарды тарбиялашып, бактылуу ата-эне болушса да, бактылуу жубай боло алышпады. Бир үй-бүлөдө жашашса да бири-бирине чоочун адам бойдон калышты. Назарды терс каарман да дей албайбыз. Ага карата автор терс позицияда эмес. Бирок, Тумардын жүрөгүнө кире албай, жубайлык ынактык, бири-бирине чырмап туруучу кыйышпастык жаралбай, өмүр бою кайдыгер бойдон өтүшөт.
Батыркан экөөнүн армандуу ашыктыгы Тумардын турмушунун маңызына айланып узак жылдарга созулду. Алардын эки тараптуу махабаты мезгилдин, тагдырдын сыноосунан өтүп, эми баш кошуудан башка жол жок деген чечимге бел байлашканда Батыркан коркоктук кылды. Ал белгилүү архитектор кайнатасынан мураска калган үй-жайдан, дөөлөттүү жашоодон, коомчулук арасындагы көнүмүш абройдон ажырап, жаш кезден арзыган аял менен баш кошууга келгенде артка чегинет. Бири-биринен ажырап “күкүк-зейнеп” болуп өтүшкөн эки каармандын бири-бирине жете албаган сагынычы менен кусалыгы бирде аёоңду ойготуп, жүрөгүңдү ачыштырса, бирде романтикалуу жолугушуулары менен сезимди кытыгылап романга лирикалык боёк сүртүп турат. Бирок, жыргалынан азабы көп болгон сүйүүнүн ушундай чыккынчылык менен аякташы – бул автордун эркине, окурмандардын каалоосуна баш ийбеген реалдуулук, жазуучунун чыгармачылык дарамет-кудурети.
Романда сюжеттик дагы бир линия бар. Ал Султан аттуу ишкер жигиттин айланасындагы окуя. Азыркы учурда арааны ачылган “акчабай” заманда акчага сүйүүнү да, кызматты да, бузукулукка булганган жыргал турмушту да сатып алууга болот деп кыска ойлогон топтун “бөрү уюгундагы” арам ой-аракеттери детектив жанрында баяндалат. Султан таза иштеген жана ийгиликтерди багындыра баштаган жаш жигит. Ага көзү түшүп жүргөн Камара аттуу бузуку аял криминал менен байланышып, Султанды торго түшүрүп, күч колдонуу менен сүйүүсүнө жетишкиси келет. Ошол эле убакта Белек аттуу оозунан сүтү кете элек жаш уланды акчага муктаждыгынан пайдаланып азгыра баштайт. Бул бузукулукка байланышкан жашыруун жайды да ал көңүлдөшү болгон чиновниктин акчасын жана таасирин пайдаланып иштетип жүргөн. Камара жана анын тобу бүгүнкү заманга чоочун эмес. “Уурунун көчүгү кууш” дегендей, арам тапканы аш болбой, кара ниеттери ишке ашпай, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы да обьективдүү сүрөттөлгөн.
Албетте, романда мүчүлүштүктөр да жок эмес. Окурман катары купулума толбой калган бир-эки жерди белгилей кетейин. Чыгарманын сюжети бир бүтүндүктү, бири-бири менен байланышы бар окуялардын тизмегинен туруш керек. Бирок, Камара жана анын тобуна байланыштуу окуялар менен Тумар Муратованын турмушунун байланышы жоктой сезилет. Ал окуялардын катышуучулары бир доордо, бир мезгилдик мейкиндикте жана бир чөйрөдө жашоо жагынан да жакындык болбосо, бул эки сюжеттик линия эч деле коошо бербегенсийт.
Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе – романдын тили, көркөм сөз каражаттарынын колдонулушу. Көркөм сөз каражаттары чыгарманын көркөм беделин көтөрүп туруучу, каармандардын бейнесин ачуучу жана окурманды окуялардын ичине кирүүгө тартып туруучу кан тамыры эмеспи. Меңди Мамазаирова ушундай көлөмдүү чыгарманы жазууда өзүнүн жазуучулук тажрыйбасына жана сөз байлыгына таянып жазгандыгы көрүнөт. Кээ бир жерде гана куру баяндоолор орун алып, “ийлөө” азыраак болуп калгандай сезилет. Бирок, азыркы замандын олигарх, элита, “жаңы кыргыз” катмарларынын сүйлөө жана адабий тилинин колоритин сактоо менен бирге эле карапайым элдик тил каражаттары да ыктуу пайдаланылган.
Меңди Мамазаированын романы – кыргыз адабиятында азыркы заман темасын чагылдырган олуттуу чыгарма. Ага кошумча, тарыхый доордун көркөм элеси, замандаштарыбыздын бейнеси аял-жазуучунун көркөм элеги аркылуу өтүп, коомдун адеп-ахлактык маселелерине көбүрөөк негизделгени менен өзгөчөлөнөт.
Жапайы рынок мамилелери көптөгөн адамдардын, айрыкча карапайым аялдардын жан дүйнөсүн жана сезимдерин кыйратып өткөн кыяндай эле болду. Бул доорлордун тогошуусунда ким кандай өзүн сактап калды, ким туруштук бере албады? Жашоонун оош-кыйыштарында адамдык касиетти сактап калуу бардыгынан оор күрөш. Китептин башкы каарманы болгон ишкер аялдын тагдырын көпчүлүк окурмандар жүрөгүнө жакын кабыл алышат деп ойлойм. Анткени, азыркы учурда бардыгыбыз туңгуюктан жол издеп, өзүбүздү табууга муктажбыз.
Бул өңүттөн алганда Меңди Мамазаированын жаңы романы окурмандар суусап күткөн чыгарма экенинде талаш жок. Ал үчүн “Аймаран” романы окурмандардын калың катмарына жетиши керек. Замандаш-калемдешибизге ак жол тилейли!
Зинакан Пасанова, акын, жазуучу