Мацуо Басё: Ыр катылган баштыкты, Ачууга алым келбеди

Жапон классикалык поэзиясынан

XVII кылымдын аягында Жапонстандын жолдорунда узак жылдар бою орто курактан өтүп калган, ден соолугу деле анчалык чың эмес, сыртынан караганда кедей-кембагал кейиптенген адам сапар чегип жүрдү. Аны бир нече жолу кайсыдыр бир даңазалуу феодалдын малайлары жол бошот деп кууса керек, бирок ошол кездеги бир дагы белгилүү князь бул белгисиз кечил-дербиштей, улуу жапон акыны Басёдой өлгөндөн кийин болуп көрбөгөндөй атак-даңкка бөлөнбөгөндүр…

Басё Жапониянын жолдорунда поэзиянын элчиси катары сапар карытты. Акындын чыгармачылыгы көп кырдуу, ал өзүн “кайгы-капачыл” ырчы катары атаган, бирок турмушту өтө сүйгөн. Өзүнүн өмүрүнүн акырында Басё залкар чеберге гана ылайыктуу болгон акылмандуулуктун туу чокусуна жеткен.

Мацуо Басё артына кара сөз менен жазылган күндөлүктөрдү, китептерге жана өзүнчө ырларга жазган баш сөздөрдү, каттарды калтырып кетти. Улуу акын жапон поэзиясында түп тамырынан бери өзгөрүү алып келген адабий мектепти негиздеди.

Котормочудан

Мацуо Басё

*****

Ай – жол көрсөткөн белги –

Өтүнөт: “Мында келгиле!”

Тоодогу кербен сарай.

*****

Узак жаандан жадаган,

Кайыңдар түндө аны кууп…

Алгачкы карда бутактар.

*****

Уулунан айрылган атага

Бүткүл дүйнө аласалып кеткендей, –

Башы жерге салаңдайт, –

Кар астында бамбук.

*****

Ыр чыгарчы деген өтүнүчкө жооп

Алчалар гүлгө бөлөнгөн.

Ыр катылган баштыкты,

Ачууга алым келбеди.

*****

Адамдар бүт кубанууда –

Жалаң гана… Хацусэ тоо кыркасынан

Ырдалбаган алчалар көз ымдашат.

*****

Уялган Ай туманда

Катып калды, алдында

Гүлгө оронгон алчанын.

*****

Кайрадан ата мекенде

Көз ирмебей тигилем…

Эдодо көргөн эмесмин,

Айды тоонун үстүнөн.

*****

Жаңы жылдын таңы

Бардык жерде кайыңдардын бутагы.

Бир түндө эле түш сымал –

Отуз жыл өтүп кеткендей.

*****

Аны кыроо басыптыр,

Шамал салат анын төшөгүн…

Таштанды бала.

*****

Жыпжылаңач бутакта

Жалгыз карга отурат.

Күзгү кеч.

*****

Кыштын таңы,

Жалгыз эптеп чайнаймын,

Кургатылган балыкты.

*****

Акын Сэмпуга

Бейитиңе алып келдим,

Ыйык лотос гүлүн эмес –

Талаа чөбүн бир тутам.

*****

Менин тар жер кепемдин

Төрт тарабын жарык кылды,

Шыкаалап Ай айнектен.

*****

Жер кезген карга карачы!

Сенин эски уяң кайда?

Кара өрүк гүлгө оронгон.

*****

Күзгү шамал тынбай ышкырат!

Ээн талаага конуп калсаң,

Түшүнөсүң менин ырымды.

*****

Өтө эле суу мупмуздак!

Толкунга ак куу чайпалып,

Уктай албай кыйналат.

*****

Бул көпөлөк күзүндө да

Жашоо үчүн шашып ичет,

Хризантема ширесин.

*****

Гүлдөр соолуп үбөлөнөт,

Көздөн аккан жаш сыяктуу

Үрөндөрү жерге күбүлөт.

Которгон: Догдурбек Юсупов