Маркабай Ааматов: Ишеним туубуз болбой махабатта, Ишенбей турган чагың өкүндүрөт

*****

Зуу коюп качкан куштай жыргал учат,

Өмүрдү коштоп алган жылдар учат.

“Жазуучу” дачасында күн кечирем –

Теректер бийге түшүп ыргалышат!

 

Кашка-Суу күндүр-түндүр шаркыраган,

Сезимди тартуулады жаркыраган.

Кызганам аны булгап албайын деп

Кыпчылып кепке-сөзгө ар кыл адам.

 

Ойлоном келечектин жагдайын да,

Алынча өтүп турмуш, ал жайым да.

Тигине, Ата-Бейит көрүстөнү –

Айтматов уктап жатат маңдайымда!

 

Буйруса тоо койнунда калуу бактым,

Мында өтөр кайгы күбөөр бар убактым.

Эргисе эрөөн-төрөн албагыла –

Торгойдой бир баласы табияттын.

 

Чалкаят ак жамынып аска-тоолор,

О, тагдыр эртең жолум башка болор.

Эмнени тартуулайсың, Дүйнө-Жалган –

Кубанып, же карегим жашка толор.

 

*****

Кош бол аруу… ынат мейли, ынатпа,

Жолугуштук жолум катуу убакта.

Учак жайга келбесең да узатып –

Жетет мага Сулайман Тоо узатса.

 

Жан дүйнөңдү бир сергитер аруулап,

Жакшы күндөр келе бербес ар убак.

Сага жана Ош шаарына келип мен,

Кайтып барам сезимимди дарылап.

 

Ак булутка барам ана, оролуп,

Арман жетпей артта калды жоголуп.

Аман болсун ыйык калаа, бул аалам,

Анан деги, биз да аман бололук.

 

Кайра жаңы төрөлгөндөй эми мен,

Кубат алдым тууган жердин деминен.

Мурунураак келсем болмок Ош сага –

Мурунураак көрсөм болмок сени мен.

 

Алыс калып элесиңер кылактап,

Алп тоолорду койгонсудум бир аттап.

Аруулаган жан дүйнөмдү тазартып –

Сага жана Ош шаарына ырахмат!

 

Кечтим мен

Айтпачы, арман кепти, болду жаным,

Ак гүлү махабаттын соолду жаным.

Сүйүүсүз жашап өтүү кыйын болор,

Моюндап бу жалгандын оор сынагын.

 

Кош дебе, коштошоорду туюп турам,

Тил менен айтпаганды угуп турам.

Тосулуп басар жолу тун сезимдин,

Кантейин, куруп турам, куруп турам.

 

Кайгымды ашырасың эселеген,

Тагдырдай таш боор болуп жекелеген.

Айрылуу – айыкпаган жарам болуп

Арманым алып кетер жетелеген.

 

Күлкүңдү укпайм эми гүлбагыңан,

Жылуулук келбегендей Күн жагыман.

Кеттим мен тунгуч сүйүү айдыңынан –

Кечтим мен махабаттын жыргалынан!…

 

Жүрөгүмдүн төрүндөсүң

Сезимдер – махабаттын деңизи деп,

Калагын кайыгымдын демдүү шилеп.

Жүрчү элем медер тутуп бу жалганда,

Жүрчү элем жүрөгүмдүн периси деп.

 

Жаңылбай миңден бирин тандадым деп,

Бакыттын боосун чындап кармадым деп.

Жүрчү элем жыргалым деп бу жалганда –

Жүрчү элем алмаштыргыс ардагым деп.

 

Аярлап… аруу гүлдөй тийбептирмин,

Басар жол, келечегим бир дептирмин.

Алаарын ач кол сунуп, башка бирөө –

Аттиң ай, билбептирмин, билбептирмин.

 

Аргам жок, болалбадың өмүрлөшүм,

А бирок, ырымдасың, сөзүмдөсүң.

Башкага бүлө болуп кетсең дагы,

Баары бир жүрөгүмдүн төрүндөсүң!

 

Өкүндүрөт

Чачылып кетсин десең кайгым, муңум,

Асылым, күтчү жерге кайрыл бүгүн.

Жылдызды карегиңе чөгөрө кел –

Чачыңа кошуп өрүп Айдын нурун.

 

Өңүң суз, чочуркайсың дале кимден,

Алдыңбы, күмөнсүнүү дарегимден.

Орочу олоң чачты моюнума –

Өбөйүн жылдыз учкан карегиңден.

 

Боюма бой таштачы, кулап, айым,

Күбүлсүн жалбырактай ушак айың.

Мен сени таң тоскондой тостум жаным,

Кайра да жолугам деп узатайын.

 

Сүзгөндөй көк деңизге толкун жиреп,

Бет алгам тагдыр жолдо өзүңдү деп.

Ишеним туубуз болбой махабатта

Ишенбей турган чагың өкүндүрөт.

 

Сен

Анардай аруу жүзү албырганым,

Мейли эми өрттө, күйгүз, жандыр жаным.

Айтылбайт жүрөк сырың табышмактуу –

Анын мен кантип билем жандырмагын?

 

Жаштыктын башатында табышканым,

Жалындап антты-шертти алышканым.

Чечилбейт жүрөк сыры алигиче –

Анын мен кантип табам табышмагын.

 

Айыпсыз келбетиңе көз бурамын,

Сезимде сүйүү бүрдөп, өндү жаным.

Өзүңсүң керемети бу жалгандын –

Өзүңсүң аруу аккан мөл булагым.

 

Үмүтсүз жашай албас такыр адам,

Үмүттөй жаштыгымдын жазы маган.

Сен аткан махабаттын ак таңысың –

Керемет нур шооласың чачыраган.

 

А балким

Күнүмдүк капчыктуулар атагыңар,

Канчалык көп болсо да катарыңар.

Бийликтүү, байлыктуулар калган эмес –

Билсеңер чыккан күндүн батары бар.

 

Капчыктан башка нең бар, кара, мына,

Байлыктын сенде жүрөт арамы да.

Учаарсың изиң калбай камгак сыңар,

Дуу эткен мерес мезгил шамалына.

 

Намысын тайгалак жол, өрдө сынап,

Максаттын тээ бийигин көздөп чыгат.

Акынды Ата-журт деп мээнет кылган –

А балким бир сап ыры өлбөс кылат.

 

Не кылайын

Суктантып карегимдин жоосун алдың,

Карадым, карегиңдин отун алдым.

Сен мага агып келсең ыр булактай,

Мен сени дайра болуп тосуп алдым.

 

Абдаарып, көп ишенбей чочуп алдым,

Адашкан бакытымдын боосун алдым.

Сен мага келип конгон ак кептерсиң,

Мен сага койнун ачкан тоо сыңармын.

 

Ошол тоо – ойгонгонсуйм азыр уктап,

Гүлгө ороп, келген сыңар жазым ыктап.

Ааламды дүңгүрөтүп, сүйүнчүлөп,

Атыңды угузгансыйт жаңырыктап.

 

Сынадың мени мынча, э-э, Кудайым,

Бир өзүң, бул жалгандын ээси дайым.

Азоодой ала качып бара жаткан

Сезимди тизгини жок не кылайын?