Поэзия

МАХАББАТ МОЛДАЛИЕВА, акын:

***

Чарчап жүрөм десең жумуштан,

Чөгөт көөнүм эстеп буюккан.

Калсам чалбай издеп таарынчу,

Күндөр түшөт эске тил уккан.

 

Ортобузду бөлүп аралык,

Ойлор терең барат таралып.

Кайгы- муңга көңүл чөккөндө,

Калаар элем сизге таянып.

 

Узатпадым, “узат” дебедиң,

Убайымдын сезип ченемин.

Күлүп бирок сызып ичиңден,

Күткүн дедиң, күздө келемин.

 

Кош айтыштык кыйып- кыя албай,

Кош жүрөктүн күүсүн тыя албай.

Карааныңыз  калбаат алыстап,

Кала бердим карек жыя албай.

 

Кечиксеңиз кээде тилдепмин,

Кемелиме түйшүк илбепмин.

Сапырылчу ырга дүйнөбүз,

Сезим демин чыны билбепмин.

 

Сагындым деп чалсаң алыстан,

Санаа үйөт, күндөр чар учкан.

Өкчөлөмүн буйрук- тагдырга,

Өзүңүздү күтүп карыткан.

Өмүрүмдү уурдап жарышкан.

 

***

Күлүп-жайнап, күчтүү болуп көрүндүм,

Күйүт эзип, ичтен сызып сөгүлдүм.

Күндөрүмдүн кууп күлгөн сааттарын,

Күтүүсүздөн ойлорумдан бөлүндүң.

 

Кыйласынан кымбат элең көңүлгө,

Кыйбас болуп калаар элең өмүрдө,

Бийик бойдон көөдөнүмдө жүрмөксүң,

Билбегенде  терең  өзүң жөнүндө.

 

Өчтү сезим, жүрүп кетти кыяндай,

Өкүнсөм да, карааныңды кыя албай.

Ырларга анан арманымды агыздым,

Ызалыкты ыраңыма чыгарбай.

 

Өрттөп кетти  көп айыбың жүрөгүм,

Өзүмдү-өзүм өйдө кармап бүлөдүм.

Көрүнбөгөн көп санааны көтөрүп,

Көздөрүнө бата албадым бирөөнүн.

 

СИЗГЕ

Узаарда көздөрүмдөн сүйүп койдуң,

Уялып мен да тиктеп күлүп койдум.

Көзүңдөн билип турдум абалыңды,

Көөнүңө бир мүшкүлдү үйүп койдум.

 

Коштошуп колуң булгап кете бердиң,

Кош санаа эзип ишке жете келдим.

Чечилип турдум мен да сезимиңе,

Ченеми болоор мендей текебердин.

 

Карегиң ойлоруңду белгиледи,

Колдоруң номеримди тергиледи.

” Кете албай узап кеттим”,- деген катың,

Керемет мага дүйнө келдиби эми?

 

Деген ой көңүлдөрдү эзип турду,

Дүрбөгөн алымды ким сезип туйду?

Үшүгөн үшкүрүгүм аста чыгып,

Үмүттүү каректерим жашка жуулду.

 

Бакытка акым жоктой алыстадым,

Бүдөмүк тагдырымды карыштадым.

Дүрбөтүп кирип алып көөдөнүмө,

Дүйнөмдөн мүнөткө да калышпадың.

 

Келесиң кемелиме отту жагып,

Келгендей айдыңыма шоола-жарык.

Карыштап сезип-туям кандайыңды,

Кабылган карааныңа жакын барып.

 

***

Акылды уксам жек көрүп, жүрөктү уксам кыя албай,

Атыңды уксам өрттөнүп,таарыныч,ызам тыя албай.

Өзүмдөн өйдө көрсөм да, өлтүрүп кеткен сезимдин,

Өгөөлөп кеткен дартыңдын уусуна жүрөм сыя албай.

 

” Бактылуу кылам”,- деди элең, аска-зоом болуп көрүнүп,

Баладай таза көңүлүм эзилип турчу эбилип.

Башкача боло албаган дүйнөмдү койдуң түшүнбөй,

Баш ийген менен тагдырга, жолубуз калды бөлүнүп.

 

Сен тиккен дарак бүр байлап, өстүргөн жемиш гүлдөгөн.

Сезимди калгам жек көрүп,азаптуу жолго үндөгөн.

Татына сулуу, жашыраак болсо да эми алганың,

Таппайсың мендей аялды кыдырып эки дүйнөдөн.

 

***

Күткөндөрдүн арасында мен жокмун,

Күндөрүмө үйгүм келбейт санааны.

Жок болсо да каарманы жомоктун,

Жашайт бирөө, кыялымда карааны.

 

Сагынгандын катарында мен болбойм,

Сабаалаган сааттарымды сактайм да.

Келди- кетти кадырыңа кор болбойм,

Кетем алыс сен жашабас жактарга.

 

Сүйгөндөрдүн тизмегинен издебе,

Өмүрүмдү өзүм үчүн өткөрөм.

Сүрөтүмдү китебимден тиктебе,

Сен жок жакка кетем сызып көк менен.

 

Жаккандардын арасынан көрүнбөйм,

Бул жашоодо сага келген эмесмин.

Жаап өткөн жамгыр болуп төгүлбөйм,

Сенсиз  жакка келип журөт жер кезгим.

 

***

Узадым көлдөн көөдөнгө толгон жүк менен,

Убайым тартып, санаага батып бүтпөгөн.

Кош болуп көөнүм, капамды каттым ичиме,

Коштошпой кеттим, коштошпой кеттим сиз менен.

 

Кусалуу тиктеп, жээгинен изиң издегем,

Койнуна тартат, кучактап толкун куч менен.

Сыздаган көңүл сапырды көлгө сагынчым,

Сырдашпай кеттим, сырдашпай кеттим сиз менен.

 

Караанын күтүп, көл бетин үнсүз тиктегем,

Капамды айдап өпкүлөп толкун бүт денем.

Көлүңдөй сүйкүм көздөрүң көрбөй узадым,

Көрүшпөй кеттим, көрүшпөй кеттим сиз менен.

 

***

Таттуулугуң таңдайымдан кетпеген,

Тамшандырган татымыңды эстеген.

Ээ бербеген керемет бар тартылган,

Эс эңгиреп, ээлик болгон кезде мен.

 

Карегим да көзүңүзгө арбалып,

Каратасыз кайра-кайра жанды алып.

Көмөкөйдөн көөлбүгөн  сыйкыр бар,

Каным менен тарап турган айланып.

 

Сүйүүдөгү курган бийик мунараң,

Сезим күүсүн өзүңүздөн уга алам.

Жашоонун бул ак- карасын толуктап,

Жарашыгын Сизден гана туя алам.

 

Көргөн кезде, эбедейим эзилип,

Көөнүм көөшүп, күндөй мээриң сезилип.

Жоругуңуз тартып барат дүйнөмдү,

Жоболондуу жомок түнгө кезигип.

 

Түрлөп шаңга, жанынызды жаркытып,

Түш- өңүмдөй ширесине балкытып.

Көз өткөнчө көрө албастар тамшанаар,

Көөнөрбөгөн бул баянды айтышып.

 

***

Сагындым деп сабааласаң бул ирээт,

Санааларым муздак ойду шимирет.

Карааныңды эстеп алып кусалуу,

Катып калган көңүл назы ийилет.

 

Каректериң кусалантты дегениң,

Кайрып учун тетир учкан жебенин.

Сагынычтан таарынычым күч,- десем,

Санап өттүң ал- жайыңдын себебин.

 

Айта албадым, жүргөнүмдү буюгуп,

Аста гана жүрөк жүгүн туюнуп.

Көркөмдүгү көкүрөктөн өчпөгөн,

Көлдөн тапкан сезимдеги сулуулук.

 

Көлдү эстеткен көздөрүңө багынып,

Көз- жашыңды төгүп нечен сагынып.

Көл тараптан үнүң жетчү күндөрдү,

Унутпадым, жүрсөм дагы таарынып.

 

***

Көндүм күндү асман- айга сапырып,

Көңүлүмө  бурганакты чакырып.

“Көлөкөм” деп эркелетип койсонуз,

Кыш ызгаарда күн чайыттай ачылып.

 

Улам келген автобусту өткөрүп,

Уюп турду бир кыйбастык өкчөлүп.

Ууздай сезим бүчүр байлап кышында,

Улам жанып, жан-дүйнөмдө өрттөнүп.

 

Кетти анан, көөдөнүмдү күйгүзүп,

Көз- карашың бийиктигиң билгизип.

Ээрчий тиктеп, узай албай узадым,

Ээрдинизге эринимди тийгизип.

 

Колум булгап, узап кеттим кыя албай,

Коштошуунун өкүмүнө сыя албай.

Кыштын кечин жазга айлантты демиңиз,

Кош карегим кусалыкты тыя албай.

 

САКТАГЫЛА АКЫНДЫ

Сактагыла акынды сактагыла,

Санаасына көйгөйдү артпагыла.

Келген экен жашоого жалан ыр деп,

Келди- кетти кебинди айтпагыла.

 

Сактагыла акынды сактагыла,

Сезимдерин жангактай чакпагыла.

Чындык учун чыркырап күйгөн жанын,

Чачыладай туш- тушка чачпагыла.

 

Сактагыла акынды сактагыла,

Кадырына айын кеп такпагыла.

Турпаты бүт жаралган жалан ырдан,

Түртпөгүлө турмуштун баткагына.

 

Сактагыла акынды сактагыла,

Жабыктырып  жалган соз жаппагыла.

Наадандыкка бүгүлбөс пейили бар,

Намыс- арын акындын сатпагыла.

 

Аянчылар аныгы- акын болот,

Аялуу жан- дүйнөсү ыр деп согот.

Куранда да сүрөө бар ” акын” деген,

Кудайга анан ааламы жакын болот.

 

КЫЗЫЛ АЛМА

Тандап сунган таптаттуу кызыл алма,

Уялыңкы ичимден сызып анда.

Кол тийгизбей көркүнө көпкө жүргөм,

Окшоп өзүм өтүмсүз сиздей жанга.

 

Кызыл алма ууртума жарашкандай,

Кызыктырып көркөмү караткандай.

Шириндиги окшошуп дилиңизге,

Жүрөгүмдү тымызын канаткандай.

 

Буйрук түшүп акыры теңиримен,

Кызыл алмаң ооз тийип эринимен.

Сизди күтүп жүрөбүз, сизди гана,

Тагдыр жүгүн тиленип жеңилинен.

Кызыл алмаң ооз тийип эринимен.

About the author

Жазуучулар Союзу