Акын Өмүрбек Тиллебаев 60 жашта
“Ар бир күнүм эң акыркы күнүмдөй,
Ар бир ырым эң биринчи ырымдай…”
(Акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Адамдын күн жүрүшү” ыр китебинен кийинки айрым ойлор)
Ар ким ички жан туюмунда дүйнөнү өз алдынча көрөт, түшүнөт, аңдайт, анткени анын дүйнөтаанымынын өзөгү жеке көз карашка, эң оболу адамдын руханий кабылдоосу менен тең каралат. Адамдык сезим вулканы – бу эмоция. Бекеринен атактуулар кезегинде, “Дүйнөнү эмоция башкарат, дүйнөнү эмоция гана кыймылга салат!” деп, шардана айтышпаса керек. Адамдын ички сезим цикли да ушул өзгөчө туюм менен, абал менен жашап, анын миң кырлуу, миң кубулма, миң өзгөрүлмөлүү, миң кубулуштуу дүйнөсүнүнүн эмоционалдуу артериясында жашап келет.
Дүйнөнүн өйүз-бүйүзүн калыптан сырт көргөн улуу Оскар Уайльд “Акындар сүйүүнү жаза берип, сүйүүнү өлтүрдү!” деген сөзү бир тараптан экстреваганттуу айтылса, бир тарабынан улуу адамдын кыялый дүйнөсүндө кайсы бир рационалдуу пикирдин бүркүп жатканын баамдай алар элек. Ал сүйүүгө эмес, сүйүүнү айланчыктаган поэзия сымал, ыр кейиптенген болумуштардан аздек тутуп, бу ыйык сезимдин баеолугу менен тунуктугун, ууз дүйнөсүн жазуучу катары коргоого чакырган эле.
Улуулар дайыма кыйытып айткан фразалары менен эсте калат, анын пародоксалдуулугу ошондо. Сүйүүнүн хронометражы менен дүйнөнү токсон тогуз жолу ороп чыкса болор эле. Бу да адамдык сезимдин кыл учу болгон сүйүүгө дайыма аздык кылат, анын себебин улуу акындан тартып, эки сап уйкаштыра алган пенде да сүйүүнү өз кудурети жеткиче айтып калгысы келет. Ага чек жок. Муну эч кимдин тыюуга акысы жок!
Атамекендик классиктерден тартып, дүйнөлүк генийлер Адамдык сезимдин улуу гимнин салтанаттап келет. Махабат, арман, ышкы, күйүт, жоктоо, жалгыздык, бактысыздык, жанкурмандык, лаззат, сүйүнүү, өкүт, жыргал, мелт-калт толгон жашоо, дүйнөсү сөгүлгөн көңүл калуу… айтор мунун баары миң дидар менен, миң тагдыр менен адамдын жашоосунда коштолуп келет. “Акындар сүйүү менен төрөлүп, сүйүү менен жан берет!” деген Шандор Петёфи канчалык мааниде туура айткан, бирок бу риторикада кашкайган чындыктын негизи бардай туюлат.
Арийне, сүйүү жөнүндө ыр жазуудан өткөн бакыт жок, буерде сүйүүнүн таржымалы бактысыз, бактылуу болсо да, акын сүйүүнү жазбаса, күндүн нурун көрбөгөндөй эле, айдын нурун сезбегендей эле, шамалдын илебин туйбагандай эле, гүлдүн жытын сезбегендей, куштун үнүн укпагандай тар дүйнөдө калат.
Ар бир сүрөткерде өзгөчөлүк бар, ал ириде ички жан дүйнөсүндөгү образ менен, өзү түзгөн поэтикалык образ менен канчалык деңгээлде түгөйлөшө алды, анын руханий жан биргелиги эмнеден сезилет жана туюлат, акын менен ыр, акын менен сезим эч качан эки арал, эки дүйнө, эки меридиан эмес…
Бу таризден алганда, мына ушул ойду акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Адамдын күн жүрүшү” поэтикалык жаңы жыйнагы дагы бир ирет ырастап турган шекилденет. Муну айтып жатканыбыз, Өмүрбектин ырларында дүйнө менен сингармонизмде жашоо, ага ички рух туйгуларын гармониялаштыруу удулу эки дүйнө жалгыз эместиги, анын бүтүндүгү өзүн-өзү издөөдөн, өзүнө карай кеткен жолдон тапканын аңдоого болор эле. Аалам жана Акын, бу эки образ аркылуу дүйнөнү түгөл көрүү – эң оболу жашоонун мыйзамына карата сүрөткерлик чакырыгында жатат. Бу акындык микродүйнөнүн өзөгү. Ал дүйнө – Тиллебаевдин орбитасында, бу орбита – Сүйүү…
Бузам бардык дубалдарды,
Коргондорду уратам.
Сүйүү менен куралдандым,
Жүрөгүмдөн ыр атам.
Тилим катып акактасам,
Чөл өңдөнүп суусаган.
Табам сени, а таппасам,
Дүнүйөлүк чуу салам.
Мен сүйүүнүн алоо отун,
Бороон-күчүн курагам.
Жер бетинде болгон эмес,
Мындай күчтүү ураган…
Дүйнөнү атом менен коркутса, акын дүйнөгө сүйүү атому менен “чуу” салып ийгиси келип турат. Экспрессия менен эмоцияга толгон бу саптардан, жашоонун эрежелерине жаңы нук киргизип, сезим “деспотунун” бийлигин жүргүзгүсү келет акындын. Жараткан менен акын гана бу дүйнөнүн амирине баш ийбей, түбөлүктүүлүктүн мыйзамы менен дүйнөнүн архитектурасын куруп, адамдагы адамдык ийги сезимди сактап калууга чакырат.
Учурунда Гумилев Анна Ахматованын чыгармачылыгы жөнүндө мындай бир ой айткан эле: “Өзүңдү таанып-билүү үчүн, эң оболу акындын (Ахматованын ) ырларында Моисей кырк шакиртин чөл кездирип, ысык кумду басып өткөндөй эле азапты чегишиң керек”. Бу эки тараптуу “сопереживаниенин” формуласындай туюлат, акындын ырынан, өзүңүн да тагдырыңды көрө билишиң керек, анткени чыныгы акын ырында эмес, биздин көкүрөгүбүздө үн салып турат.
***
Канча ирет жаңылдым, каталар көп,
Кайра эле сабылдым махабат деп.
Күзү жок, жазы жок мезгил өтпөс,
Изи жок өтпөстүр махабат тек…
***
Ак таң болуп барам сага, күт жаным,
Кара түндү жылдыз менен өчүрүп.
***
Майин, жумшак, илбериңки назигим,
Мен сүйүүнүн жер жашарткан жазымын…
Талашсыз, ар бир акын дүйнөнү жүрөгү менен көрөт, мына ушул сапат акындын табигийлигин, эчтекеге окшобогон купуялыгын көрсөтүп турат. Оригиналдуу болуу оригиналдуу болуу үчүн гана эмес, ал ириде саптарда, сөздөрдө, ойлордо өзүнө таандык касиет, өзүмдүк ыр ааламы. Өмүрбек акындын чыгармачылыгынын туу башаты мына ушул табигийликте, нукуралыкта, булактын башынан агып чыккан дарыядай туюлат. Акындын ырларынын эки таянган түркүгү бар, ал – тышкы жөнөкөйлүктүн синтези, экинчиси терең психологизм. Өмүрбек акындын ырларында сезим интиминин ачыктыгы, саптардын шурудай тизилген кыймылы, алгоритми, үлбүрөк, назик, ошол учурда алабарман формасы, күтүүсүз аллегория менен салыштыруулар акындык мүнөздүн алейне портретин тартып турат. Акын калыпка салган ойдон, акыл жуурулушкан идеядан, эң башкысы жасалмалуулуктан, поэтикалык “бутафориядан” караманча алыс, формасыздык, чеги жок чабыт, ой дүйнөнүн кеңдиги анын элирген ырларынын кызыл өзөгү катары сезилип келет. Тиллебаевдин поэзиясы эң оболу адамдын ички турпатынын кыймылы, ал кээде эч бир эмоционалдуу рамкага сыйбай, ээндикке, чексиздикке сызып кеткендей туюлат. Ошол эле учурда, чыгармасынын архитектурасы жөнөкөйдөн татаалга, татаалдан жөнөкөйгө референ катары өтүп турат. Өмүрбектин чыгармачылыгындагы дагы бир сегмент, ал ойду сөзгө отургузат, сөз да ой үчүн кеңири, терең мазмунду жаратып берет.
***
Казгым келет качанкынын муз, ташын,
Тапкым келет фараондун устасын,
Асман, сенин бийктигиң канча бар,
Балким, менин кирпигимден кыскасың…
***
Дүйнөлүк түтүнгө думуккандай,
Адамдар ишеничтин жапжашыл
талаасын унуткандай,
Адам-канат,
Адамсыз учмак эмес учактар да,
Сагыныч толмок эмес кучактарга…
***
Бирде туруп бурганактай буюгам,
Деңиз сымал бүт куймаңа куюлам.
Жанар тоодой атып чыгып асманга,
Анан кайра жаның болуп туюлам…
***
Мелжетпеген, үн жетпеген аралык,
Жаным күйүп, чачым бирден агарып.
Жаш сүйүүнүн тагы калды жүрөктө,
Жанар тоонун ташына окшоп карарып…
***
Сен эшиктен кирип келип:
-Мынча сонун, ким жыттанат?
-Терезеден Күн кириптир,
Үйдүн ичи Күн жыттанат…
***
Ай да толду жүзгө толгон кылымдай,
Бир үн салган комуздун үч кылындай.
Ар бир күнүм эң акыркы күнүмдөй,
Ар бир ырым эң биринчи ырымдай…
Марина Цветаеванын пародоксалдуу бир салыштыруусу бар, ал минтип айткан: “Сүйүү баарын жеңет, кедейлик менен тиш оорудан башкасын” деп. Чындыгында эле бул пародоксалдуулукта бийик сезим менен пенделик турмуштун ажырымы да, айырмасы да бар. Жашоону, сүйүүнү, сезимди идеализациялоо бу акындын миссиясы чыгар, бирок күнүмдүк турмуштун көйгөйү бу да карандай чындык. Адам реалдуулукта пенделиктин чынжырына байланып калгысы келбейт, анын дүйнөсү жылдын төрт мезгилинде кимдир бирөө менен жашоонун ак-карасын айткысы келип, ыйман сырын ачкысы келет, таң шүүдүрүмдүн тамчыларын жылаңайлак кечип, аягың менен дүйнөнүн ажайып ааламын сезгиң келет, жашоону кучактап өпкүң келет, бу тек гана күлүк ойдун чабыты, бирок ошол эле учурда сүйүүсүз жашоо кыйын, анткени, адамдын бул ыйык сезимисиз жашоонун маңызы жок. Канткен күндө да сүйүү, жашоону сүйүү бу дүйнөнүн жападан жалгыз чындыгы, ал чындык биздин көкүрөгүбүздү, жүрөгүбүздү, ниетибизди аруулайт. Мына ушул аруулук ырсыз, поэзиясыз канатсыз учкан куш мисалы. Келгиле жашоону сүйөлү, өмүрдү сүйөлү, ал ар бир адам башында кайталангыс… Өмүрбек акындын ырлары да ушул асылдуулук ой менен жашайт, ушул ойду тутунат… Анткени, сүйүүнү тартуулоо, аны кабыл алгандан да өтө бийик, ал өмүргө тете түбөлүктүү…
Адамдын Күн жүрүшү… Адамдык…
Султан РАЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу