Өмүрбек Караев 1954-жылы Чүй районундагы Кегети кыштагында туулган. Кегети орто мектебин аяктаган соң, Кыргыз улуттук университетинин филология жана экономика факультеттерин бүтүргөн. Кийин Варшава шаарында саясат таануу боюнча атайын курста окуган.
1975-жылы студент кезинде “Ыйык Көл” аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
Өмүрбек Караев прозалык 10 китептин автору. Альманахтарга адабий жана публицистикалык көптөгөн чыгармалары жарык көргөн. 2003-жылы “Жалгыз болгум келбейт” деген прозалар жыйнагы жылдын мыкты китеби болуп таанылган. Ошондой эле аталган китеп Германиянын Мюнхен шаарында өткөн китеп көргөзмөсүнө коюлган. 2005-жылы Айтыш коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу жарыялаган жылдын мыкты аңгемелери деген конкурстун жеңүүчүсү болгон. 2014-жылы “Таймаш” повести үчүн “Арча” адабий сыйлыгынын лауреаты болгон.
Чыгармалары түрк, орус, украин тилдерине которулуп басылган.
1991-жылдан бери Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. 2013-жылы Евразия жазуучулар союзуна кабыл алынган. “Маданияттын мыкты кызматкери” жана айыл чарба министрлигинин “Айыл чарба кызматкерлеринин отличниги», “Каарман”, “Кеменгер”, “Кыргыз тили” төш белгилеринин ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.
Шахмат
(новелла)
Шаардын чет жакасындагы ирээтсиз жайгашкан жапыз тамдардын биринде жашы алтымыштан ашып калган Шаухат аттуу татар абышка жашар эле.
Анын үч бөлмөлүү үйү, тиги кароосуз жаткан короо жайынын бардыгы атасынан калган мурас болчу. Кемпири мындан эки-үч жыл мурун каза болгон. Ошол күндөн тартып кенен бөлмөлөрдүн бирөөнү квартиранттар ээлеп кетет. Анын квартиранттарынын башкалардан өзгөчүлүгү бар, алар үй ээсине эч бир акы төлөшпөйт. Алар абышканын тамагын эртели-кеч өксүтпөй жасап берип турууга макулдашып анан гана көчүп келүүгө толук мүмкүнчүлүк ала алышат.
Жакында анын биринчи квартиранты орун которуп кетти. Азыр анда үй-бүлөсү менен аспирант жашайт.
Абышканын тартибинен бузулбаган күндөрү жашоо тиричилиги: таң заардан туруп там артындагы күнөс жердеги эски отургучка барып отурмай, жанында жеңил устачылыктын шаймандары салынган кичинекей үкөкчө; атайын даярдалган майда-майда жумуру жыгачтар таар баштыкта толуп толо бербейт.
Абышка алардан шахматтын фигураларын жасайт. Колдору эпилдеп, кыймылы ыкчам. Ал шахмат фигураларын жасап жатканда бүтүндөй дүйнө мүшкүлү унутулуп, жашоонун кызыкчылыгы дал ошол шахмат фигураларына уюп калгандай сезилет.
Мурда эртеден кечке жалгыз отурчу. Бүгүн анын жанына жаңы квартирантынын баласы келди. Абышка аны байкаган жок. Ал колдорун эптүү кыймылга келтирип жыгач жылмалоо менен алек.. Чоочуркаган бала абышканын назар салбаганынан улам ирээнжий түштү. Бир саам “кереңби” деп да ойлоду. Алыстан алыстан каркыралардын үнү угулду. Абышка колундагы эмеректерди коомай гана жерге коюп, ордунан турду.
-Күз келген турбайбы? – деди оор улутунуп.
-Күз келгенин каркыра үнүнөн билесиңби?- квартиранттын уулу орусча так сүйлөп, таң калган кыязда анын сөзүн бөлүп жиберди.
-Сен кимсиң?
-Русланмын…
-Аа…
Чурулдаган каркыра үндөрү көк мейкинден алда нени жерге жар салып узап кетишти.
-Кел, дос!- Шаухат абышка мээрим төгүп баланы жайдары кабыл алды. Ага орун бошотконсуп отургучтун бир жак чекесине жыла берди. Анан эпчил колдору менен эки жагын сыйпалап алиги койгон буюмдарын издей баштады. Анын ошондогу бүт кыймылы Русланга өөн көрүндү. Руслан таң калып үн дебей туруп калды. Бир аздан кийин чуркап барып нары томолонуп кеткен эки жыгачты алып абышканын колуна карматты. Денеси дүр дей түштү. Абышканын кареги зорго көрүнгөн, сурмасы жок жүлжүйгөн көздөрү кара-боз тартып турат. Сүйкүмсүз чаар жүзү, коюу агала сакалы анын ошол келбетин ого бетер сүрдүү тарттырат. Бала бир дем менен кайрадан абышканы карап алды. Ой толкуну удургуду. Аңоо сезими күч алып, жалооруңку үн менен сөз катты:
-Алдагыларды кантип жасап жатасыз?
Шаухат абышка бул сөздүн маанисин дароо түшүндү. Териккен жок. Анткени ал өмүрүндө мындай сөздөрдүн миңин уккан. Бул саам да ал жылмайган болуп адаттагы жообун узатты:
-Көнүп калганбыз да, жаш дос!
Руслан биртике отуруп сабагына кетти. Ушул күндөн тартып Шаухат абышканын мүнөзүнө өзгөрүү кирди. Ушул күндөн тартып ал буга чейинки байкалбай келген жалгыздык деген жүрөк эзчү кордуктун азабын тарта баштады. Эми ал Русландын дайыма жанында болушун эңсей берчү болду. Руслан сабакка кеткенде анын дүйнөсүндө кандайдыр бир нерсе жетишпегенсип жетимсиреп калчу.
Күндөрдүн биринде абышкага кимдир бирөө келип, анын жасаган фигураларын алып кетти. Бошоп калган таар баштык кайрадан баягы жумуру жыгачтарга толуп калды. Бала менен абышка күндөн-күнгө бири-бирине жакын сезилип ынак болуп баратышты. Абышка эми балага байыркы жомоктордон айтып берүүнү өнөкөт кылып алды. Жомогунун көбү күн жөнүндө болот. Күндүн улуулугун, жердеги тиричилик башаты ошондон башталарын ушунчалык берилүү менен айтып даңаза кылат. Руслан абышканын кызыктуу жомокторуна арбалып, курч көздөрү менен күндү сырдуу тиктейт.
Күн анын көзүн уялтат.
-Сиз күндү бир да жолу көргөн жок белеңиз? – дейт.
-Ооба, бир да жолу… – абышка токтоо гана жооп кайтарат.
-Ата-энеңизди дагыбы?
-Алардын үнүн уккамын…
-Оо!…
Русландын боору ооруп аяп жатканына абышка кадыресе ыраазы болот. “Ылайым күндөй мээримдүү бол!” дейт дилинен миң ирет кайталап. Анан сөздү дароо башкага бурат.
-Канча жаштасың, Руслан?
-Он бир…
-Оо, мен дал ушул курагымда шахмат оюнун үйрөндүм эле,- абышка азыноолок улутунган болду
-Үйрөнүш кыйынбы?
-Анча деле эмес
-Мага үйрөтөсүзбү? – Руслан чын көңүлүнөн суранып абышканы көздөй обдула берди. Кайрадан анысына ишенген жок. Сокур неме кантип үйрөтмөк эле деди оюнда. Абышка ишенимдүү макулдугун берди:
-Кааласаң, албетте…
Анан ал ордунан туруп, адатынча таягын өзүнөн алга ашыра шилтеп өз бөлмөсүнө кирди. Бир аздан кийин жедеп эскилиги жеткен шахмат доскасын алып келди. Ичин ачты. Фигуралары чоң-чоң экен. Негедир тамандарына таякчалар орнотулган. Руслан мындай шахматты биринчи жолу көрдү.
Абышка фигураларды доскадагы көзөнөк тешиктерге тез эле жайгаштырып бүттү. Анан ал бир фигуранын атын атап, алардын жүрүш эрежелерин көрсөттү.
Руслан бүт дитин коюп эки үч күндө эле кадимкидей өздөштүрүп алды. Эми алар атаандашып ойной башташты. Бир жолку оюн Русландын жаалдуу чабуулу менен башталды.
-Азамат!-деди абышка, баланын зээндүү экенине ыраазычылыгын билдирип. Оюндун кызуусуна кирип алган Руслан кабагын чытып үнсүз. Чабуул узакка созулду. Бирок көп жылдык тажрыйбасы бар кыраакы абышка сабаттуу коргонуп, утуш бербей жатты. Натыйжада кезектеги татаал оюн ыкмасы абышканын пайдасына аяктады. Демилге абышка тарапка өттү. Өмүрүндө биринчи жолу жеңишке жетишем деп ээликкен Русландын үмүтү өчтү.
-Эх!- ал катуу өкүнүп алды.
Аңгыча абышка анын экинчи ладьясын жеп, ферзага коркунуч туудурду. Русландын ичи күйүп ызалана баштады. Кезектеги жүрүшүн ал көпкө ойлонгон жок. Каршылашынын ыңгайлуу позицияны ээлеп турган атын өз жүрүшү кылып жылдырып койду.
-Кезек сиздики?
-Ашыкпай ойноого көнүк, жаш дос! – абышка адатынча жайдарыланган болду. Анан манжалары узун, ичке колдорун тыкан кыймылга келтирип түз эле алиги бош калган аттын ордун сыйпалады.
Руслан чок баскандай чочуп кетти.
Анысы коркуубу же уялуубу белгисиз эле.
Абышка бир обдулуп алды. Өңү бузула түшүптүр. Колдору калч-калч этет. Ошол тутулган калыбында бачым-бачым ар кайсы фигураларды кармалай баштады. Руслан үнсүз, эми эмне болуп кетет деп жаш жүрөгү титирейт. Качып кетсемби деген ой кылт этти. Аңгыча туура эмес жылдырылган ат абышканын колуна урунду. Абышка башын шарт өөдө көтөрдү. Чел баскан көздөрүн болушунча бакырайтып Русланды жекире карады. Анын ошол көз карашында байкалбаган жек көрүү бар эле. Ал “күнөөлүү” атты ордуна коюп оор улутунду да, досканын үстүндөгү фигураларды чачып-чачып жиберди. Үн деген жок. “Сен сокурсуң, сен сокурсуң!” бул сөз анын жүрөк кагышы менен кошо кайра-кайра кайталанып жатты.
Көз жашы жаак ылдый төмөн кулады. Ал өрт болуп куйкаланып бараткансыды. Жарык дүйнө да ушул учурда күтүп жүргөнсүп анын кулагына шыбырап жаткандай туюлду: “Жашоо алдында алсызсың!”
Ал кайсалап таягын таппай бир азга убараланды. Анан ыкчам-ыкчам басып өз бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол бойдон көрүнгөн жок.
Руслан өз күнөөсүн туюнуп өкүндү.
Бирок ал абышканын ушунчалык ыза болуп кеткенин элес алган жок. Анын дилинде: “Мындан ары абышка мени менен шахмат ойнобой коёт” деген коркунуч өкүмдүк кылып жатты. Таякчалары сынып ар кай жерде чачылып жаткан фигураларды көрүп, туталана баштады: “Каап, туура эле жүрө бербей, жакшылап үйрөнүп, чоңойгондо деле утмакмын да!”
*****
Жакында Руслан шахмат боюча өткөрүлгөн шаардык мелдеште биринчи орунду жеңип алып биринчи разряддын нормасын толтурду.
Аны алгачкылардан болуп куттуктаган качандыр бир кездеги тааныш татар абышканын элеси болду.
Салтанат күүсү ойнолду.
Мелдешти өткөрүүнүн жетекчиси Русланга жеңүүчүнүн вымпелин тапшырды. Шатырата колдор чабылып туш-туштан мактоо сөздөр жаңырып жатты.
“Азаматсың, азаматсың!” абышканын кадимкидей жайдарыланган үнү угулду. Руслан тегерегине бир карап алды. Жылуу жүздөр эң эле көп экен. Арийне көңүлү каалаган адамы анын көз кароолуна урунбады. Тек гана Шаухат абышканын бүдөмүк, бирок жандуу элеси көз алдына бадырайып тартылып турду..
“Кечир” деди Руслан көзүн жаш чайып, бир кездеги күнөөсүн мойнуна алып. Бул суралган кечирим кеч болуп калды беле аны ойлогон жок.
Шаухат күндү карап жылмайып турду.
“Сизге ырахмат,-деди Руслан Шаухатка көңүлүндө,- Бүгүнкү жеңиш меники эмес сиздики, устатым Шаухат ата!”.