КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
7-ТОМ
Илимий макалалар
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Томдукка кыргыз элинин комуздагы күү чыгаруу маданияты, анын мурас катары сакталып калышынын сырлары, ошондой эле, көрүнүктүү акындар жана комузчулар жөнүндө материалдар киргизилди. Андан сырткары, кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын өмүр таржы малына да орун берилип, кийинки мезгилде жазылган макалалар дагы камтылды.
ӨНӨР
А.КАЙБЫЛДАЕВ
КҮҮЛӨРДҮН ТАРЫХЫ
АБАК ТҮРКӨБАЙ УУЛУ
Ошондо келип Абак да, Отурган экен араакта Карап турду кубанып. Өнөрпоздун өзү экен Күүдөн күүнү толгоду, Көзгө илинбей колдору.
Ак сакалы жайкалып,
Көптү көрүп, көп билген, Көсөмдүгү байкалып…
(С. Каралаевдин «Карамолдо» аттуу поэмасынан)
Илгери көл башында чоң аш өткөрүлүп, ага күңгөй, тескейдеги бугу, саяк, сарбагыш элинен меймандар келишет. Бул санжыргалуу жыйында кыргыз элинин салттык оюндары (күлүк чабуу, эр оодарыш, балбан күрөш ж. б.) менен бирге акындардын айтышы, комузчулардын чертиши, чечендердин таймашы уюштурулуп, атайын өргөөлөр тигилет. Күүчүлөрдөн күңгөйдөн Карамолдо, тескейден Абак баштап барышат. Абак жетимишке таяп калган, ак сакалы жайкалган кадырман карыя экен. Андан 34 жашка кичүү Карамолдонун кер муруттуу жигит курагы. Ак сакал, көк сакал, кара сакалдар чогулган чоң ак боз үйдүн төрүндө бирде шаңкылдата, бирде сыбызгыта комуз чертип отурган Абак карыянын өнөрү Карамолдого өзгөчө таасир калтырат, ал Абакка жакын келип сыңар тизелейт. Абак элдик «Камбаркан», «Ботойлордон» кайрып, Арстанбек, Күрөңкөй, Мамырдын күүлөрүнөн чертет. Отур гандардын суроосу боюнча өзүнүн «Кашка аргымагын», «Арманын» да аткарат. Бир кезде маңдайында отурган Карамолдого карап: «Кана, балам, комузуңду кошо алып, менин күүлөрүмдү уланта отур» – деп кезегин берет. Карамолдо мандаш урунуп, комузунун кулагын шашпай буроого келтирип «Каныкейдин арманын», андан кийин «Сыздат» деген күүнү чертет.
Карамолдонун өнөрүнө ыраазы болгон карт комузчу: «Бали, бали, балам, өнөрүң өр таяп калган экен. Бактыдан кем болбо. Каруу-күчтөн тайып карып калдым. Менин күүмдү эми сен көздөгүн, Абактын күүсү эле деп, черткен жерде сөздөгүн», – деп ак батасын берген экен.
Карамолдо Абакты устатым деп сыйлап, көзү өткүчө (1916-жылга чейин) байланышын үзгөн эмес. Тескейдеги бугу элин аралаганда Абактын үйүндө 3–4 күн коно жатып, комуз өнөрүнүн жол-жобосунан таалим алып кетчү экен. Карамолдонун репертуарында Абактын да бир нече күүлөрү болгон.
Карамолдо «Карамолдо» аталып ашып-ташып турган чакта устаты Абактын күүлөрүн үналгы тасмасына жаздырууга чамасы келбей калды. Кийин ардактуу эс алууга чыкканда көкүрөктө уюган көп күүлөрдү кайра баштан чыгармачылык электен өткөрүп, аларды тизмелеп алып, улук башын кичик кылып, үналгы жаздыруучу мекемеге келет:
- Эки күндүн бири өлүм дейт, айланайындар, көзү өтүп кеткен кайрандардын күүлөрүнөн эсимде калгандарын алып келдим эле, радиоңорго жазып калгыла.
Молдокенин бир-эки күүсүн угуп, тизмедеги аталгандарга көз жүгүрткөндөн кийин:
- Аксакал, күүлөрүңүз эски экен, аттары эле айтып турбайбы. Муну өткөндү идеялизациялоо дейт. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч деген Т. Саманчин, Ташым Байжы уулу, Зыяш Бектен уулу эмне болду? Гүлдөгөн социализм доорун даңазалаган жаңы күүлөрүңүз болсо, кеп башка, – деп жооп тапкан экен тиги мыкчыгер.
Ошентип, күүлөрүн өткөрө албай, шаабайы сууп, кыргыз элинин Бахы аталган Карамолдокебиз кайра кайткан экен. Төх! Жарык дүйнөгө көз жара албай, көмүскөдө калып, улуу комузчу көрүнө ала кеткен «эсил кайран» күүлөрдүн ичинде Байгазынын «Сынган бугусуна» сыпатташ Абактын арман чайыган асыл кайрыктары да болгондугу айгине.
Кочкор, Жумгал, Кемин, Көл, Нарын аймагында Чыңгышбай, Капал, Муса, Кудайырбек, Кошкулак, Майлыбай, Байгазы, Кудайберген, Боккөтөн, Мамыр, Серкебай сыяктуу өз мезгилиндеги чоң комузчулардын ичинде Абактын ысмы да аттын кашкасындай таанымал болгон. Кийинки күү устаттары Карамолдо, Муратаалы, Ыбырай башында турган көптөгөн комузчулар Абактан үйрөнүшкөн, анын күүлөрүн сыймык менен аткарышкан.
Кыргыз үналгысынын музыкалык алтын фондусуна Асанаалы Кыштообай уулу, Бейшен Бакы уулу, Асанбек Кыдырназар уулу, Асылбек Эшманбет уулу, Акматаалы Моңолдор уулу, Алтымыш Мундузбай уулу, Бектур Осмон уулу, Жөлөгөн Чымырбай уулу, Турсун Карымшак уулу, Жылчый Курманкожо кызы, Усубалы Казак уулу ж. б. тарабынан «Абак», «Абактын арманы», «Абактын күүсү», «Абактын жөө калдым», «Абактын кайрыгы», «Абактын Кашка аргымагы» сыяктуу күүлөр жазылып алынган.
Абактын тек жайы.
Абактын түп атасы – Бугу ичинде Бирназар бий тукумунан тараган Жылкыайдар. Жылкыайдардан – Тилекмат. Тилекмат – Ормон, Балбай, Боромбай сыяктуу сарбагыш, бугу билермандарынын замандашы. Ормон хандыкка шайланган журт башчысы. Балбай – Сурайгырын алкынтып, Сырнайзасын душманга кезеп, эл четинде, жоо бетинде турган кашкөй баатыр. Боронбай – бугу элинин билерманы, ханы. Тилекмат болсо, караңгыда көз тапкыч амалкөйлүгү, капилеттен сөз тапкыч чечендиги, кыйын кырдаалда ык билген айлакерлиги менен бугу, сарбагыш уруусуна, казак калкына да маалым өз мезгилинин чыгаан элчиси.
Тилекматтын 5 катыны болгон: Билерман байбичеси Кенжекеден 8 эркек, 2 кыз. Алар: Түркөбай, Серкебай, Чыныбай, Таңыскожо, Дыйканбай, Ачакей, Алышпай.
Булардын улуусу Түркөбайдан 6 бала: Дөөлөтбак, Ниет бак, Абак, Самак, Төлөбай, Алманбай. Түркөбайдын уулдарынын ичинде сөз билчүсү да, жөн билчүсү да Абак болгон. Жакшы ат минип, мүнүшкөрлүк кылып, журт жакшылары менен үзөңгү кагыштыра эл аралап жүргөнү майда манапка окшоп кетүүчү. Бирок, ырчылык, сөзмөрлүк, айрыкча комузчулук өнөрү менен калк алдында кадыры артылган.
Замандаштарынын айтуусуна караганда Абак жаш кезинде чоор тартып кийинчерээк кыл кыякка ооп кеткен экен. 30-35 жаш курагында комузчулук өнөргө баш-оту менен берилип, өмүрүнүн аягына чейин ушул кесипти аркалаган. Комузду өзү чапкан, кылын байбичеси Чолпон жасаган.
Абак жүздөн ашык элдик күүлөрдү черте билген жана ондогон күүлөрдү өзү жараткан. Жаңы күүнү эл чогулган жыйында чертип берип, күүнүн таржымалын көпчүлүккө баян кыла отуруп: «Кана, күүнү кандай деп атасак болор экен?» – деп угармандардын сынынан өткөрчү дейт. Ошентип, күүнүн атын автор атабастан, эл арасына тарап кеткенден кийин «Абактын баланча күүсү» деп комузчулар айтып чертишкен экен.
Абак Түркөбай уулу 1851-жылы Ысык-Көлдүн башынын тескей тарабында, азыркы Жети-Өгүз районунун Шалбаа чөлкөмүндө туулган. Абактын эки аялы болуп, улуу аялы Чолпондон – Алыбак, Бектурган, кичи аялы Кусубалдыдан Бекмырза деген балдары болгон. Бекмырзадан – Үсөнбай, азыр мединститутта оперативдик хирургиянын кафедра башчысы болуп иштеп жатат. Өз мезгилинин залкар комузчусу 1916-жылы ыңкылаптын алдында суу келте оорусунан 75 жашында каза табат.
Комуз өнөрчүлүгүндө кутмандуу элибиздин кайталангыс таланттарынын кылка сабында Абактын да орошон орду бар. Ал жөнүндө козголуучу сөздөр алдыда. Бул иште калайык калктын кийлигишүүсү зарыл. Ошондо гана күүлөр дүйнөсүнүн сыр сандыгы ачылып, керектүү маалыматтар менен толукталаары шексиз.
АБАКТЫН АРМАНЫ
Кыргыз үналгысынын музыкалык фондусунда, Кыргызстан композиторлор бирлигинин фольклордук жазма тасмаларында Абак ысмына байланыштуу «Абак», «Абак күү», «Абактын кайрыгы», «Моюнчам» ж. б. атоолордо чертилген күүлөр бар. «Абактын арманы» аттуу күүнүн баянын музыка изилдөөчү Буудайбек Сабыр уулу Жети-Өгүз районунун Төрткүл айлында туулган Жылчый Курманкожо кызынан («Унутулгус кездешүүлөр», 1977, 100-бет), Кочкорлук Касымбала Кыштообай кызынан («Эл шайырлары», 1980, 99–100-беттер) жазып алган. Ошондой эле, комузчу Асанаалы Кыштообай уулунун айткандарына таянсак, күү баяны төмөндөгүдөй окуядан келип чыккан.
Чымырбай, Түркөбай – Тилекматтын балдары. Чымырбайдын баласы Серкебайдан – Кыштообай. Түркөбайдан – Абак. Абактын агасы – Ниетбек. Күндөрдүн биринде Ниетбек менен Кыштообай жайлоодо жайыт талаша кетип чатак чыгат. Ниетбек көк чегедекти ала коюп чаап жиберсе, Кыштообай өлүп калат. Кырсыктуу окуя айылга тоо жели менен бирге жетет. Серкебайдын балдары союл, чокморун такымга кысып, «Түркөбайдын тукумунан бирин өлтүрүп канга кан алабыз» дешип тоого чабышат. Ниетбекти таппай «бычакка саптык Абагын эле жайлайлы» деп артынан сая түшүшөт. Абак алдыртан эл билги карыядан келип акыл сурайт.
- Кара атан өлүп бүк түштү, кайран башка күн түштү. Чымырбайдын Кыштообайы биз колдуу жаздым болуп калды. Эми айлам не болот?
Анда карыя:
- Ар өлүмдүн себеби болот. Кыштообайдын ажалы жеткени ошол. Эрегиштен эр өлөт. Эки тууган кайда бармак эле, акыры эпке келип эл болот. «Ачуулунун алдынан чыкпа» деген. Тиги туугандарыңдын көзүнө чалдыкпай, кичине жылыштап жашына тур. Эби кеткен иштин эсеби табылар, Абагым, – дейт.
Күзүндө Кыштообайга ат чаап аш берилет. Баш байгеге 100 сом бөлүнөт. Абактын Кашка аргымагы жарышта чыгып келет. Күлүктү 14 жашар кызы чапчу экен.
- Эки тууганды элдештирбей кетсек биздин журтчулугубуз кайсы? – деген эл билгилеринин кеңеши боюнча Кашка аргымактын куйругун түйүп, көкүлүн шүйүп, үстүндөгү кыздын башын кызыл жоолук менен бууп «атакелетип» ыйлатып, «Атаны кокуй, моюнчам!» деп Абак баш болгон топ, Чымырбай аксакалдын үйүнө өкүрүп түшүшөт.
Капталдап өскөн моюнчам, Каран күн башка не салдың. Касташкан душман бир келсе, Каран кылар моюнчам?
Белеске өскөн моюнчам,
Мертинтер душман жоо келсе, Медер кылар моюнчам.
Айтарга таппайм сөзүмдү, Арманда кылдың өзүмдү, Айланайын моюнчам.
Сүйлөргө таппайм сөзүмдү, Сүзүлттүң эки көзүмдү. Сүйөнөрүм сен элең, Сүлдөрүм калды, моюнчам.
Башыма келди алаамат, Бир борум, мени ала жат! Теңирим салды алаамат, Теңтушум боорум ала жат!
Адырдын гүлү соолдубу,
Атаны кокуй, бир боорум, Ажалың менден болдубу?
Күңгөйдүн гүлү соолдубу? Атаны кокуй, күйөрүм,
Ажалың менден болдубу?
Эл чогулган ортодо: «Чымырбай аба, жаза тайып, жаздым болуп, Кыштообайың түбөлүк жайына кетиптир.
Эртедир-кечтир баарыбыз бара турган жер. Бир бээнин кулунунун ала-куласы барбы? «Алдыга келсе, атаңдын кунунан кеч» деген акылман сөз бар. Аны өзүң да сезип тургандырсың. Аз айып, көп күнөөсү болсо кечиргин Абагыңды. Кашка аргымагынын көкүлүн түйүп, карындан чыккан каралды кызын тартуулап Абагың алдыңа келип отурат. Муну Кыштообайыңа куран түшүрт», – деп ак жоолукка оролгон 1000 теңгени алдыга жылдырды.
Ошондо Чымырбай карыя каада кармап, нарк калчай айтып турганы:
- Эки тууганды эл кылган эрдин иши, эрдигиңерге ыраазымын, журт. Бирок да бир кылыгыңарга ичим толбой эңшерилип турам.
- Айтыңыз, айтыңыз, карыя, кулак сизде.
- Айтсам, сөз мындай. Өлгөн бала да меники. Өз баламдан өзүм кун дооласам Кудай урбайбы? Тиги сырттагы баламды кантип тартууга алып келдиңер? – дегенде отургандар башын көтөрө албай:
- Ал кемчилик бизде экен, аксакал, – дешти.
- Андай болсо, – деди карыя сөз бүтүмүн чыгара, – ат чапкандыкы, мал баккандыкы дейт. Балага да, малга да кесир болбосун десеңер, Кара Кашка күлүктү мамыга байлатпай, кызга босогону аттатпай ээсине кайтаргыла. Алып келген теңгеңер Кыштообайдын чай-пулуна жарар. Мен айыбыңарды кечтим, эки дүйнөдө ыраазымын силерге, журт. – Карыя колун жайып, – Ынтымагыбыз ылайым бузулбасын, ынтымактан чыккандарды ата-бабабыздын арбагына коёлук, о-о-мийин! – дегенде кары-жаш дебей чурулдап, алакан жайып ак батага кошу лушту.
Абак элдин суроосу боюнча жөлөнүү турган комузун алды, толгоосун келтирди. Ошондо өлгөн Кыштообай бир боорун жоктоп, өпкөсү көөп шолоктоп, комуз кылы кошо ыйлап, муңдуу күү черткен экен… Күү Көл кылаасын аралай желдей учту. Кийинки комузчулар бул күүнү «Абактын арманы» деп чертип жүрүшөт.
АБАКТЫН КАШКА АРГЫМАГЫ
Кандай гана музыкалык чыгарма болбосун элге канчалык кеңири тараса, анын аткарылышы жана аталышы ошончолук өзгөрүүлөргө учурап, же вариантташып кетери белгилүү. Революцияга чейинки комузчулардын, анын ичинде Абактын да күүлөрү ушул мыйзам ченемдүүлүктөн четте калган эмес. Көл өрөөнүндөгү, Кемин жана Нарын аймагындагы кеңири белгилүү күүлөрдүн бири «Абактын Кашка аргымагы» болуп эсептелет. Комузчулар бул күүнү ар кандай атап чертип жүрүшөт: бирлери «Кашка аргымак» же «Кара кашка аргымак» деп аташса, кээси күүгө автордун ысмын кошо тиркеп «Абактын Кашка аргымагы» же «Абактын Кара кашка аргымагы» деп аткарышат. «Абактын күүсү», «Абактын кайрыгы», «Абак» дегендер да бар.
«Абактын Кашка аргымагын» Карамолдо, Ыбырай да чертишкен. Карамолдонун аткаруусунда «Абактын жөө калдым» аттуу күүсү 1974-жылкы «Кыргыздын музыкалык антологиясына» киргизилген. Кыргыз үналгысынын музыкалык алтын фондусунда Ыбырай Туман уулунун, Асанаалы Кыштообай уулунун, Бектур Осмон уулунун, Асылбек Эшманбет уулунун ж. б. аткаруусундагы Абак күүлөрү сакталып турат. Залкар комузчу Ыбырай «Абактын Кашка аргымагын» зор шыктануу менен өтө берилип аткарчу. «Бир жылы Ысык-Көлдөгү Чоң-Кызыл-Суу айлына концерт коюп барып калдык, – деген эле Ыбыкем бир жолку сөз маегинде, – кечки конок алган үйдө артисттер өз өнөрлөрүбүздү көрсөтүп жаттык. Бир кезде кезек мага келип, атын айтпай туруп, «Абактын Кашка аргымагын» черттим. Төрдө салабаттуу байбиче отурат эле.
- Балам, күүңдү кайталап чертчи, – деп суранып калды. «Комуз тилин билген адам гана күүнү кайтара уккусу келет, бул киши бекеринен сураган жок» дедим ичимен. Комузумду кайта буроосуна жеткирип, көңүлдөнүп чертип бердим.
- Балам, күүнү жакшы черттиң, Кудай өмүрүңө береке берсин. Бул күүнүн ээси менин абышкам Абак деген болот. Абышкам тирилип келгендей болду. Кулагыма алда немедей угулуп кетпедиби? – деп байбиче кубанычсагынычтан көзүнүн жашын сүрттү.
1980-жылы комузчу Асанаалы Кыштообай уулуна кезигип, «Кашка аргымак» күүсүнүн баянын сурадым.
- «Кашка аргымак» Көл башы Жети-Өгүздөгү Абак дегендин күүсү. Бул күүнү устатым Ыбырайдан үйрөнгөм. 1958-жылы Кытайда Үрүмчү шаарында Синцизян провинциясында жашаган майда улуттардын адабият жана искусствосунун кароосуна катышып, Абактын «Кашка аргымагы» менен өзүмдүн «Аскер маршы» деген күүнү черттим. Казактан Ашым деген «Көк сандал» аттуу күүнү домбрага салды. «Бизди жетектеген адам «Кашка аргымак» кайдагы окуяны баяндайт?» – деп сурап калды. Күү тарыхын мен мындайча таржымалдап бердим. Мындан 70 жыл мурун Союзда Кыргыз журтчулугунда болгон окуя. Кашка аргымак Чыныбай деген манаптын күлүгү болгон, кийин Абактын колуна өткөн. Аны кунга тартуу кылмакчы болгондо Абак комузчу күүгө салган.
Тилекматтын Кенжеке деген байбичесинен 8 эркек болуп, анын Серкебай деген уулунан Кыштообай аттуу баласы бар эле. Серкебайдын уялаш агасы Түркөбайдан 6 бала, алардын бири – Абак. Абактан улуусу Ниетбек Кыштообай менен уруша кетип өлтүрүп коёт. Өлүк ээси тарап кун доолайт. Абак Кара кашка аргымагына 14 жашар кызын миңгизип барып, алдына түшкөн. Бирок, Чымырбай деген нарктуу карыянын калыс бүтүмү боюнча кыз да, күлүк аты да Абакка кайра кайтарылып, доо бүткөрүлөт. Кийинки жылы кыз күйөөгө чыгып, бир жылдан кийин төркүлөп келет. Кайтарда: – Кана кызым, эмне сурайсың, энчилеп берейин, – дейт атасы. Кыз кайнатасынын тапшырмасын аткарып: – Ата, Кара кашкаңды берсең, минип кетейин душман көзүнө, – дейт. Абак ары карап ыйлап, бери карап күлүп, жалгыз каранып-карманган күлүк атынан ажыраганына ичи туз куйгандай ачышып, Кара кашканы күйөө баласына миңгизип чыгарат. Ээсинен ажыраганын айбан да болсо билип, Кара аргымак бута атым жерге барганда кайта кайрылып, кишинеп жиберет. Абак да атынан ажырап калганына, күлүктүн багы байланганына зээни кейип, керегеде илинип турган комузун алып, ичтеги арманын күүдөн чыгарган экен. Ырас эле, Кашка аргымак басынып, чуркоодон калып кийинки ат чабыштарда бир да жолу байгеге илинген эмес экен.
АБАКТЫН КАЙРЫГЫ
Абак өмүрүндө көптөгөн күүлөрдү жараткан. Алардын ичинен залкар комузчунун шакирттери тарабынан бизге жеткен бирин-экин күүлөрүн гана каранып-карманып турабыз. Мисалы, «Абактын Кашка аргымагы», «Абактын арманы» өмүрүнүн жигиттик курагындагы окуяларды шарттап тургансыйт. Комузчу өлүм алдында жатып, элижурту, бала-бакырасы, жарык дүйнө менен комуз күүсү аркылуу коштошкон экен. Жанагы Алтымыш Муңдузбай уулу черткен арман кайрыктар Абактын коштошуу күүсү экендиги талашсыз.
1916-жылдын жаз айлары, үзүмчүлүк маалы. Абак карыя жетимиш ашып, сексендин белесине ык коюп калса да али тың, ат үстүнөн түшпөй, эл аралап турган убагы. Күндөн күн ала салып, мезгил адымдап турган маалдын бир учурунда бүткөн бою талыкшып, денеси оор тартып, ат үстүндө жүрүүгө көңүлү чаппай, кандайдыр илдет тооруп алгандыгын сезди Абак. Акыры бул илең-салаң жаздыкка баш коюуга аргасыз кылды. Тамырчы табыптар Абактын кеселин «суу келте» деп табышты. Кадырман адамдын ден соолугун сурап, көзүнүн тирүүсүндө жүздөшүп калайын дегендердин саны көбөйдү. Ошондой келим-кетим катташуулардын маалында Каракол тараптан жоон топ эл жакшылары короого түшүп калышты. Кой союлуп, конок камы болду. Бата тилеп, дасторкон жайылды. Меймандар бут сунуп, дене боюн жазып, кирди-чыкты сөздөр айтыла баштады. Аркасына кош жаздык коюп, чалкалай кыңайган Абак колун жаңсады, ал тилден калган эле. Бирөө төшөк жанында жөлөнгөн комузду алып бере койду. Эти качып, калчылдаган арык кол өрүк комузду аяр сылагылады. Алсыз манжалар комуз кулагына жабышты. Комуз кылдары муңайым дирил какты. Бейтап акыркы күчүн жыйнап бой түзөдү. Демөөрдү жан жолдошу – комузу берип жаткансыды. Кайрыктар кайрыкка алмашты, үч кыл алым сабакташа тилге кирди: «Кошкула агайин тууган элим! Кошкула, алган жарым, балдарым! Кош, Жарык дүйнө!..» Кирпиктерге жаш чайыды. Аянычтуу ажырашуу сезими көөдөндөрдү тээп турду… Комуздун ортоңку кылы чырт үзүлдү. Комузчунун башы шылк этти… Чертмек колдон жылбышып түштү… Ыйман сабагы созолонду… Эсил кайрандаган өкүрүк, катын-баланын чуусуна аралашты…
«Абак кайрыгы» ушундай кырдаалда жаралган. Күүнү ошол жерде отурган Ындыбай комузчу улап урпактарга жеткирди.
АЙДЫРААЛЫ ЖӨРГӨЛӨК
Айдыраалы заманындагы чыгаан комузчулар: Ныязаалы, Майлыбай, Токтогул, Эркесары, Эшманбет, Калык, Коргоолдор менен бир мезгилде жашап, кезеги келгенде күү жарыштырып, өнөр сынагында күлкү чайыган «Көйрөң күүсү» менен катышып, эл куудулу деген атакка ээ болгон. «Көйрөң күүнү» бирлери айтым күүдө таңшытса, бирлери кадыресе кара күү катары да чертишкен. Кезегинде «Көйрөң күүгө» канчалык ынтызарлык артылса, бул залкар чыгармага болгон ыкылас ошол бийиктигинен жана элек. Айдыраалы өзү айткандай «Олуя ата, Ташкен, Битир боор (Петербург), Маскөөгө чейин эле эмес, бүгүнкү күндө «Көйрөң күү» төгөрөктүн төрт бурчун саякаттап кыдырууда. Эл куудулунун бул атактуу күүсүн тоо булбулу Токтогул да өтө эргүү менен аткарчу экен. «Токтогулду мен 1930-жылы Сарычелек жайлоосунан жолуктурдум. Ал ошондо эл ортосуна олтуруп алып комузун ойното «Менин Айдыраалы жөргөлөк деген досумдун күүсү эле» деп, бул күүнү ар кандай ыкмада колун комуз бетинде ойдолото чертип, уккандарды таң калтырган», – деп эскерет акын Темиркул Үмөтаалы уулу. «Айдыраалы жөргөлөктү» акын Калык Акы уулу да сөз менен күүнү, күү менен кыймыл-аракетти айкалыштыра шаасын келтире чертчү экен. Үналгыда Эркесары комузчунун «Айдыраалы жөргөлөктү» авторчосунан жазбай черткенин угуп жүрөбүз.
Кийинки комузчулардын ичинен Айдыраалы калтырган мурасты Мыктыбек Үмөтаалы уулу куудулданып мыкты аткарууда.
Музыковед В. Виноградов «Көйрөң күүнү» Коргоолдон жазып алган. Кыргыз үналгы, сыналгыда музыкалык фондуда комузчулардын, комузчулар ансамблдеринин, эл аспаптар оркестринин аткаруусундагы тасмалар сакталууда. «Айдыраалы жөргөлөк» күүсүнүн баянын акын Калык «Баскан жол» аттуу мемуар китебинде жазып калтырган. Мына ушул чыгармадан үзүндүнү окурмандарга сунуш кылабыз.
«1919-жылдын күз айлары. Бир инимди аялы менен кошо ээрчитип Кетментөбөгө бардым.
- Таласка барып бир кумардан кана ырдап келелик, – деди Током.
«Күркүрөө, Бакайыр деген жерге Токтогул келди» деген кабар Таласка батпай кетти.
Током экөөбүз бир тойдо алым-сабакташып ырдап отурат элек, дагы бир тараптан көпчүлүк элдин жер дүңгү рөткөн күлкүсү кулактын кужурун алды.
- Токо, жүрүңүз, ошо күлкүгө баралы.
- Шашкалактаган жубарымбек, таластыктар күлүп атат деп чапкылап жүрөмбү, барсаң өзүң бара бергин, – деди.
Өзүмчө бардым. Бетегелүү жүзүңдө, тескейдин түбүндө, калың элдин орто ченинде, жал-куйругун кырккан күрөң бээ минген, чарчы бойлуу, өңү дандырдай кызыл, тегерек көк ала сакал киши, оң жаккы бутун аттын жалына арта салып, төбөсүнө кондурган топусун кыймылдатып, комузга колун ойноктотуп чертип атат.
- Бу ким деген киши?
- Айдыраалы жөргөлөк ушул – дешти.
- Ырчылыгы барбы?
- Жок, күлдүргүч куудул киши.
«Айдакеңдин көйрөң күү» деп, куудулданып комузун чертип жаткан кези:
«Күлдүр, күлдүр, күлдүр, күлдүр.
Анан кийин, анан кийин, анан кийин
Оошол, оошол, оошол, оошол
Тейриң-тейриң, мейлиң-мейлиң
Минтип келем, минтип келем, минтип келем».
Топусун чокусуна жөрмөлөтүп, комузуна колун ойноктотуп, каткырып, комузуна элдин боорун эзип коюп, өзү кайра мостоё, томсоро калат. Бул өнөрүнө маашыр болуп менин да боорум катты.
Айдыраалынын өнөрү жалаң күлкү менен аткарылат экен. Мен Айдыраалынын сөзүнө жараша куушуп ырдасам болоор эмес. Ал оңбогондой куудулданып, оңко-чоңко болуп, мени көпчүлүк элдин күжүсүнө каптатып коюп, тамаша чыгара бермекчи болду. «Жамгырдай төгүп, таалайдан көрүп ырдап көрөйүн, эмне чыгар экен», – деп аттын башын чыкчыйта тартып чубуртмадан ырдадым.
Айдыраалыны беттеп, акындык менен эптеп, элди таңдандырып, айтышаар жолун чектеп, ырдай турган ырымды ырдап бүтүп тура калдым. Мени көрө элек элдер жаңы ырчыга, жаңы сөзгө таңданышкан бойдон тизилишип турушту, татты сөздөн талыкшыбай угушту.
Айдыраалы каткырып күлүп, кайра томсоро калып, элге билгизбей жолго салды:
Айдыраалы:
– Атаңдын көрүү Мунуңар Калык эмес эле Каратажаал турбайбы? Ыры азыраак кишини Ушунча каптап ырдайбы? Кушчу, саруу элимден, Көргөнүм жок мындайды. Тамаша кылат деп турсам Тартынбастан чындайбы?
Ыр – сенде, күлкү – менде,
Тыңшап туруп, бекер угуп,
Кубаныч – элде,
Бул жыйындан чыгайын,
Аягым менен жылайын, Элди аралап бастырып,
Эптеп оокат кылайын, –
деп кадыр эсе каткырып күлүп, эки ууртун сорунуп эрдин чормойтуп, көпчүлүк элдерди күлдүрүп, Айдыраалы жөнөп кетти…»
(К. Акыев, «Баскан жол»., Ф., 1983, 230–237-бет)
АЙНАГҮЛ
«Айнагүл» – мөлтүр махабатты, сулуулукту, тазалыкты, аруулукту, антка-шертке бекем туруктуулукту даңазалаган сүйүү ыры.
Ырдын текстин Ормонбек Асан уулу жазган. Обону – Бектемир Эгинчи уулунуку. «Айнагүл» кыргыздын классикалык ырларынын катарына кирет. Алтынды дат баспаган сыңары, «Айнагүлдүн» мындай бийиктиктен орун алышына эки таланттын (Бектемир, Ормонбек) чыгармачыл ширөөсү себепкер болгондугу талашсыз.
Ормонбектин аткаруучулук таланты айрыкча «Айнагүлдөн» көрүнгөн. Ырдаганда обон менен кыл кайрыктары куюлушуп кетчү. Анткени, Ормонбек коңур жана бийик үндүү ырчы, залкар күүлөрдү так, таасын черткен мыкты комузчулардан болгон. «Айнагүлдү» баштаганга чейин эле Ормонбектин комузу элди өзүнө тартып алчу.
Бешенең чолпон жангандай, Беш үркөр чыга калгандай. Жарк этип күлсөң кайрылып, Жайкы таң супа салгандай.
Көздөрүң каухар жангандай, Көңүлдү тартып алгандай. Жаштыктын жыпар гүлүсүң, Жыттаса кумар кангандай.
Бүткөндөй Күндүн нурунан, Күнгө денем жылыган. Ашыкмын жалгыз өзүңө, Айтканың ойго уюган.
Телмире тиктеп күлгөнүң Таңындай жарык дүйнөнүн. Болочок үчүн шерт кылып, Бир гана сенсиң сүйгөнүм.
АЙЧҮРӨКТҮН АКШУМКАРДЫ АЛА КАЧКАНЫ
Манас көзү тирүүсүндө Акункан менен бел куда болот. Манастан Семетей, Акункандан Айчүрөк төрөлөт. Манастын көзү өткөндөн кийин Акункан менен байланыш үзүлүп калат. Семетей таятасында чоңоюп, кийин Таласка келет. Айчүрөк да бой жетет. Чыңкожо, Толтой биригип, Айчүрөктү алабыз деп, Акункандын шаарын камайт. Айчүрөк аккуу кебин кийип, антташкан жары Семетейди издеп учуп чыгат. Семетейди сыртынан көрүп жактырып, Акшумкарын амал менен ала качкандагы традициялык сюжет комуз күүсүнүн жаралышына себеп болгон. Бул күүнү Кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна атактуу комузчу Ыбырай жана Асанаалы Кыштообай уулу жаздырышкан.
АК-ИНЕКТИН БЕЛЕСИ
«Манасчы Дыйканбай акенин айткан «Семетейин» угуп отуруп, «Манас» обонуна салып чыгарган күүм эле», – деп комузчу Кыштообай уулу черткен «Ак-Инектин белеси» аттуу күү кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылып алынган.
КҮҮ БАЯНЫ: Акшумкарын алдырып ийгенден кийин Бакай абасынан Акункандын дайнын угуп, жолдун сырын сурап алып, ак чатырын бүктөтүп, ай балтасын таптатып, айга жетчү күл азыкты ак куржунга баптатып, соёруна бээ алып, сокто жүктөп төө алып, кылычтары кыңгырап, калкандары жаркылдап, асабасы калкылдап, жолдун баарын жат алып, Айчүрөктү эңсеп, чоролору менен жүрүп калды эр Семең. Алтымыш күн жол жүрүп Үргөнчкө жакын келгенде ат өргүтүп алалы, бүткөн бойду жазып, тамаша салалы, Акункандын шаарына анан кирип баралы деп, чатырын тиктирип, өрүүн алып жатып калды Семетей. Таң агарып атканда тараза жылдыз батканда төрөнүн уулу Семетей кермеден атты алдырып, Ак-Инектин башына чыгып, көмүркөйдөй ташка көчүк басып, алты муунак чоң дүрбүнү алты бурап жеткирип, кынабына толтуруп, кыя тартып олтуруп оңдоп кармап имерип, Ополду көздөй жиберип карап турду. Ошондо, тили чечен өзү шок, тирүүдөн мындай адам жок Күлчоро шайланды чалгынга. Анда Күлчоро: «Айланайын абаке, чалгынды өзүм чалайын, чалбай кантип калайын, алдымда минген атымдын аягы мукур ит эле, агыны катуу Үргөнчтү кечип өтө албас, айкалышкан жоо чыгып калышы да ажеп эмес, Буурулду бериңиз, минейин, Буулумду бериңиз кийейин, күркүрөп аккан дайрага күүлөнүп барып кирейин, тосуп жаткан жоо болсо, ылаачындай тийейин, окшомдуу жеңем Чүрөккө олжолуу болуп барайын» – дейт. Баланын сөзүн кайтарбай, башкача кылып айталбай Семетей буга макул болот. Күлүстөн туулган Күлчоро жай жарагын жайланып, жанына албарс кылыч байланып, үзөнгүгө бут коюп, Буурулду минди болкоюп, Булдурсунду имерип, тоодой болгон Буурулду томукка тартып жиберип, Ак-Инектин белесине чыга берип, абакесине кол булгап, «Айчүрөк жеңе кайдасың?» – деп жүрүп берди.
Эти ачынган жаныбар, Учуп кетчү эмедей.
Өзүнөн өзү дыркырап, Аяктан чыккан даңканы,
Башына жетип зыркырап.
Анда-санда бир тийип сызып бара жатканын, үстүндөгү чоронун тизгинде колу карышып, ооздук менен алышып, учкан куш менен жарышып бараткан караанынан көз албай карап турду эр Семең, – деп анан күү чертилет.
АЙКҮМҮШТҮН ТАКИЛЕТ
Күү баянын алгачкылардан болуп Кайюм Мифтак уулу акын Алымкулдан 1927-жылы «Айкүмүштүн арсар күү» деген атта жазып алып, Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Кийинчерээк В. Виноградовго Коргоол ырчы Токтогулдун музыкалык мурастарына кошуп аткарып берген. Шекербек Шеркул уулу, Асылбек Эшманбет уулу, Алымкул төкмө ж. б. көптөгөн комузчулардын чертүүсүндөгү «Айкүмүшкө» арналган күүлөр Кыргыз үналгысынын музыкалык алтын фондусунда сакталып турат.
«Айкүмүш» күүсүнүн баяны жагдайында сөз кылганда андагы бир нече варианттык өзгөчөлүктөргө назар артпай кетүүгө болбойт. Мисалы: музыковед Балбай Алагуш уулуна комузчу Шекербек Шеркул уулу: «Илгери кызкелиндер түн күзөтүшүп короо кайтарышып, селкинчек салышып, шапар тебишип ойногондо алардын арасынан Айкүмүш деген ооз комузчу кыз курбуларына ка рата:
Айкүмүштүн такилет, Такилетти ким билет.
Күзөтүп короо кайтардым, Сак боломун малыма,
Корообузга ким кирет? – деп шаңкылдаган ачык үн менен ырдап, анан обонун темир комузунда кубулжута каккан экен. Кийин бул мукам күүнү шайырларыбыз комузга салып алыптыр» («Кылымдарды жылоологон күүлөр», 1985, 113-бет), – деп айтып берсе, Коргоол Досу уулу:
Ким билет, ким билет, ким билет, Айкүмүштүн такилет.
Такилетти ким билет?
Ушу күүнү ким билет?
Кызыл гүл болсоң солорсуң, Кыз болсоң, жубан болорсуң. Кызык өмүр өткөн күн,
Кылчайып келбей коёрсуң.
Жашыл гүл болсоң, солорсуң, Жаш болсоң, жубан болорсуң.
Жаштык өмүр кеткен күн,
Жалынса келбей коёрсуң –
(В. Виноградов. «Музыкальное наследие Токтогула», 1961, 176-бет) деп, «Айкүмүштүн такилет» күүсүнүн тек жайын өмүр, турмуш жагдайында ыр менен баяндап жаздырган. Акын Алымкул эл оозунда айтылып жүргөн «Айкүмүш» жөнүндөгү улама аңызды кеңитип, поэма кылып иштеп чыгып, аны комуздун коштоосунда аткарган. Окуянын ырааттуу берилиши, теманын ачылышы жагынан Алымкулдун варианты башка айтылыштардан жогору тургандыгы менен айырмаланат. Анда ит-куштан малды саксактап короо кайтарганда күү чалган Айкүмүш эмес, эркиндик-теңдик, чыныгы сүйүү үчүн тайманбай күрөшкө чыккан, турмуш тоскоолдуктарына тике караган кайратман кыз Айкүмүштүн «Арсар күүсүнүн» баяны чагылдырылат.
АЙКҮМҮШ
Илгери Карабек, Малабек, Жаныбек деген үч бир тууган болгон. Алар Алайды жердеп турушкан экен. Үч бир туугандын эң кичүүсү Жаныбектин Айкүмүш деген кызын улуусу Карабек болуш асырап алган. Айкүмүш ары акылдуу, ары сулуу кыз болот. Комузду жакшы черткендиктен Карабек үч кулагына күмүш бастырып, өрүктөн комуз чаптырып берет.
Карабек Айкүмүштү берем деп, билгизбей эки байдан калың алат. Кыз бойго жетет, бирок мал бергендерден эч кимиси келбейт. Карабек атасынын ачкөздүгүн кийин Айкүмүш билип, өтө капаланат. Ошол убакта байдын жылкысын Каралтай деген жигит багып жүргөн. Каралтай Карабектерге жээн экен. Бир күнү жылкычылар кошунда отуруп, Каралтайга: «Ой, сен Карабек болуштун анык жээни болсоң, жээн даркан деген кыргызда сөз бар, Айкүмүш таежең бойго жетип, кара далы болуп, атасынын төрүндө отурат, ошо кызга барсаң боло», – дешет. Каралтай «айтса, айтпаса төгүнбү?» дейт да, Айкүмүш жаткан ак өргөөнүн капшытына тымызын келип, кызды ойготот. Айкүмүш жапсардагы күмүш кулак комузун колуна алып, күүгө келтирип бурап, тушуна келген кишиге айтып турганы:
Дайыныңды билдирбей, Кайдан келген немесиң? Датка атам билсе кокустан, Ажалың жетпей өлөсүң. Сакчылар кесип башыңды, Сайга таштайт денесин. Сайдан таап сөөгүңдү, Сагызган чокуп жебесин? Кирген бука өңдөнүп,
Тушумду неге челесиң?
Каралтай:
Айкүмүштүн такилет,
Такилетти ким билет, Каркырадай таеже,
Каралтай күүсүн ким билет?
Кабарың угуп сыртыңдан, Каруумда кайың укурук, Казыр келдим жылкыдан.
Капшытыңды түрткүлөп
Козгодум ширин уйкуңдан
Арытып этин суутса, Алтындай болгон таеже, Алыстан келдим сени издеп.
Каз-өрдөк учат калдактап,
Калкыган дайра көл издеп, Катуу тер алып суутса, Карагер чуркайт эңиштеп.
Каркырадай Күмүшжан,
Кайрылып келдим сени издеп.
Айкүмүш арсар күүсүн чертип, Каралтайга ишенкиребей жооп кайтарганы:
Айкүмүштүн такилет, Ай караңгы түн билет.
Атымды кокус сурасаң, Айтпай койсом ким билет. Капшытымдан кол салып, Каралтай жээним сүйлөдүң. «Жакын жээниң болом» деп Жана айтылды бир кебиң.
Көңүлүң болсо күндүз кел
Мен көрөйүн байкап түрүңдү Каралтай:
Жакын жээним эмес деп, Жадыңа пикир албасаң. Жаш кезден жылкы багамын, Жарды деп мени чанбасаң. Айтканга макул десеңиз.
Антташып колуң кармасам.
Айкүмүш:
Алтындан колдо тарагым, Айда чачым тарадым. Атам эки жерден мал жептир, Ар кимден угам кабарын. Башымда эки күйөө бар, Мен кимисине барамын?
Каралтай:
Эсиңе алгын таеже, Эжеңден туулган жакынды. Кызыл дилде зар алса, Кыз берем деп мал алса.
Каркырадай Айкүмүш,
Анда кара малдай сатылды.
Айкүмүш:
Күмүш кулак комузум, Күүгө салсам угулду. Күнүгө чертип отурам, Күүгө салып бугумду.
Эртең келип көрүнчү.
Байкайын сенин сыныңды.
Ал жайыңа түшүнүп,
Анан айтам чынымды…
Ошентип, эки жаш күү чертишип, ыр ырдашып бирин-бири жактырып калат. Бул кабар эртеси эле айылга тарайт. Атасы да түндөгү болгон окуяны сезип калган. Эртеси атасы Айкүмүштү чакыртып алып:
Кызым, Күмүш, комузга, Чеберлигиң билинди.
Чертип бер, балам угалы,
Түндөгү черткен күүңдү, – дейт.
Айкүмүш күмүш кулак комузун түндөгү күүлөнүшүнөн жазбай «Айкүмүштүн арман күү» деп чертет:
Айкүмүштүн арман күү,
Айыпсыз үйдө камалып, Ата төрүндө карган күү. Жаштыктын көрбөй сайранын, Жашыл гүл соолуп калган күү.
Атасы: «Балам, түндөгү черткен күүңдү сурап жатам, ошону бузбай кайрып бергин».
Айкүмүш күмүш кулакты «Такилетке» бурап, түндө Каралтай менен алым-сабак черткен күүнү кайрыйт:
АЙКҮМҮШТҮН ТАКИЛЕТ
– Арзыган күүң мына бул – «Айкүмүштүн такилет».
Ай караңгы түн билет,
Айыбын ачтың кызыңдын, Айылга келген Каралтай, Атаке, айтпай койсом ким билет? Алтындан колдо тарагым, Айда чачым тарадым.
Эки жерден мал жесең
Эми кимисине барамын.
Өксүгөн ойго табылбайт, Өзүмдүн сүйгөн адамым.
Капшытымдан кол салып,
Каралтай деген жээниңиз
Каймана башка киши эмес Карындаш-урук сөөгүңүз. Жеген малды кайтарып,
Атаке, мени жээниңе бериңиз.
Атасы айласы кетип, эки жерден жеген калыңын кайтарып, жылкычысы Каралтайга кызы Айкүмүштү берүүгө аргасыз болот. (Үсөнбаев А. Аксы багытында. Ф., 1962, 97–113-бет).
АЙДА БОТОЙ
«Айда ботой» күүсү жөнүндө сөз кылуунун алдында анын аталышы жагдайда ой толгой кетели. Күү аталмасындагы сөз айкаштарынын биринчи компоненти «айда», экинчи компонентке (ботойго) аныктооч болуп түшүү менен кандай деген суроого жооп берүү аркылуу сын атоочтук милдетти аткарып, «шартылдата», «шар», «ылдам» деген маанини билдирип турат. Мында Айда ботой шартылдата, ылдам чертилген ботой дегенди билдирет. Ошондой эле, «айда» деген сөзгө -ма мүчөсүн жалгоо менен «айдама» сын атоочу ботойлор сыяктуу камбаркандар, шыңгырамалар түркүмүнө айкашып, «ылдам», «тез» чертүү деген мааниде колдонулган учурлар да бар. Мисалы: Айда ботой (Карамолдо), Айдама ботой (Асылбек), Айдама шыңгырама (Абдыкерим Моко уулу), Айдама камбаркан (Мекиш Баата уулу) ж. б.
1928-жылы Москвадан келген музыковед А. Затаевич жазып алган күүлөрдүн ичинде Карамолдонун «Айда ботою» да болгон. Кийинчерээк Балбай Алагуш уулу, Сейдаалы Медет уулу «Карамолдонун күүлөрү» аттуу топтомду бастырып чыгарышты.
Айда ботой күүсү жөнүндө: «Бул күү «Ботойлордун» толгоосунда күүлөнүп, аяк күүлөрдүн позициясында чертилет. Анын негизги данеги – абалкы «Ботойдон» алынган. «Айда ботой» да зар какшаган, муңканган жана токтоо мүнөздө чертилет. Күү ылдам жана муңканган жүрүштө аткарылат. Күү терип, шарт, аралашма чертме өңдүү элдик штрихтерге, ыкмаларга бай…» деп чечмелейт китептин авторлору. (Аталган китеп, 183-бет).
АБЫШКАНЫН АРМАН КҮҮ
Комуз күүлөрүндө жалгыз баласынан ажыраган атанын арманы жөнүндөгү традициялуу баян кеңири кездешет. Анда кайгы менен күйүттү сабырдуулук, токтоолук, кайраттуулук менен жеңүү жана кыргыз элиндеги меймандостук салттын бийиктигин даңазалоо идеясы берилген. Бул күүнү комузчулар түрдүүчө атап чертишет: «Абышканын арманы», «Абышканын арман күү», «Сабыр чал», «Сабырдуу чалдын арманы», «Атаны кокуй Алымса ботом» ж. б.
Фольклор изилдөөчү Кайюм Мифтак уулу 1926-жылы Нарын өрөөнүнөн «Абышканын арман күүсүн» жазып алып, Кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна тапшырган. Ушул эле аттагы күүнү тилчи-окумуштуу Жээнбай Мукамбай уулу Памир, Жергетал кыргыздарынан угуп, «Эл ичи – өнөр кенчи» аттуу китебине киргизген. Музыковед Балбай Алагуш уулунун «Кылымдарды жылоологон күүлөр», күү изилдөөчү Буудайбек Сабыр уулунун «Унутулгус кездешүүлөр» аттуу китептеринде да «Абышканын арман күү» баяны учкай жа зылган.
Республиканын үналгысынын музыкалык фондусуна көптөгөн комузчулар, алардын ичинде Ыбырай Туман уулу, Асанаалы Кыштообай уулу, «Сабыр чал» аттуу, Акматаалы Моңолдор уулу, Жылчый Курманкожо кызы «Абышканын арман күү» аттуу күүлөрдү тапшырышкан.
«Абышканын арман күү» – Кыргызстандын бүткүл аймагына кеңири тараган күү. Ошондуктан, территориялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу күү таржымалында айырмачылыктар болбой койбой тургандыгы түшүнүктүү. Ушул себептүү Кыргызстанда жана Тажикстанда чертилген күүлөрдүн эки варианты сунуш кылынат.
АБЫШКАНЫН АРМАН КҮҮ
(САБЫРЛУУ ЧАЛ)
Нарындын Шаркыратма болушунда Абылай аттуу карыя жашаган. Анын маңдайына бүткөн жалгыз уулу болот. Бала чоңоюп, эр жетип, эл аралай баштаган сайын абышканын кубанычы койнуна батпай, «артымда туягым калса экен» деп, Жараткандан тиленип жүргөн. Ошол мезгилде жигит катуу кеселдеп, күндөн күнгө оорусу жөнүкпөй, акыры төшөк тартып жатып калат. Жалгыз баласынын күйүтүнө мүгдүрөп, эмне кылар айла таппай турган катаал күндөрдүн биринде чалдын үйүнө Төрөгелди баштаган жоон топ меймандар түшүп калат. Карыя кадырлуу конокторуна тай союп, кабагым-кашым дебей жадырап кабыл алат. Келер-кетер кептер козголуп, шартылдата комуз чертилет. Меймандардын суроосу боюнча абышка «Камбаркандардын» канчасын кайрып, «Ботойлорду» боздотподу. Аңгыча эт бышып, коноктордун колуна суу куюлуп, табактар тартылат. Меймандар устукандарын алып, этти туураганга киргенде, сырттан бирөө баш багып, абышканы чакырып чыгат. Ушул учурда баласы жан берген эле. Уулуна ыйман айтып болгондон кийин карыя: «Меймандар тамагын жеп бүткөнчө эч кимиң үн чыгарбайсыңар!» – деп элди жайгарып коюп, коноктордун үстүнө кирет. Эт желип, бата тиленип, колго суу куюлгандан кийин чал керегеде илинген комузун алып, черте баштайт, күү бирде ботосу өлгөн ингендей боздоп, бирде жакынынан айрылган адам өкүрүк салгандай зардап, бирде аялдардын муңдуу кошогун элестетип дирилдеп жатты…
– Күү бузулду, балдар, тургула! – дейт меймандардын сакалдуусу. Коноктор жапырт атка мингенде Алыбай карыянын үйүнөн өкүрүк чыгат. Коноктор тай чабым жерге чаап барып, кайра кайрылышып, жер дүңгүрөтүп өкүрүп түшүшкөн экен. Алыбай чал баласын жайына тапшырып келгенден кийин, арбакка атап куран окуп, көзүнөн аккан жашы сакалы ылдый куюлуп, комузун колуна алып:
Бүгүн келдиңер эле үйүмө,
Чоң Төрөгелди коногум, ботом.
Арылбады абышка, кемпир жомогу, ботом.
Көзганамдын карасы ай ботом.
Эңкейе бүткөн тал калды, ботом.
Ээлиги жок мал калды ай, ботом.
Ээнсиреп кара бир жолтой үй калды, ботом.
Эңгиреп эки коколой баш бир калды, ботом.
Алган бир жарың Турдукан, ботом.
Карабет шордуу бу калды, ботом.
Теке бир качып токтолор, ботом.
Теңир бир жазып койгон соң, ботом. Тентиреп жүрүп, атакең менен энекең, Кулжа бир качып токтолор, ботом.
Жок болор, ботом.
Кудайым жазып койгон соң, ботом. Куурап бир жүрүп, атакең менен энекең, Жок болор, ботом.
Курдашың эле Турдукан ботом.
Эми куйкаланып чок болор ботом… – деп арман күүсүн черткен экен.
АБЫШКАНЫН АРМАН ГҮҮ
(Жээнбай Мукамбай уулу жазып алган жергеталдык вариант)
«Илгери бир жетим өмүр бою бир байдын коюн кайтарып жүрүп, абышка болуп калыптыр. Байдын каардуу бир байбичеси абышка менен уруша берет. Жөн урушпай, тилдеп, жемелеп: «Саар берем бир галдай (жука нан), сагынып жейсиң бир нандай; түштө берем бир галдай, түшүркөп жейсиң бир нандай; сааркы берген галдайга, сагызган тойбойт дедиңби; түшкү берген галдайга, түлкү тойбойт дедиңби, өлүгүңдү көрөйүн какбаш чал, буерде эмне сүзүлөсүң? Же как жүрөгүң үзүлдүбү? Койлордун семизи кетти бел ашып, арыгы калды чубашып, тур, тур өйдө, тур өйдө…» деп жон талаштырып чаап ийчү экен.
Абышка ошол кордукка чыдабай жүрүп акыры көз жумат. Күү ошол окуяны баян этет (Ж. Мукамбаев. Эл ичи – өнөр кенчи, Ф., 1982, 207-бет).
АКСАТКЫН МЕНЕН КУЛМЫРЗА
Кыргыз элинде оозеки чыгармаларды дастан катары айтуу өнөрү жогору өнүккөн. Акындар, ырчылар төкмөчүлүк, жамакчылык жана лирикалык ырдоо өнөрү менен дастан айтуучулук өнөрдү эриш-аркак алып жүрүшкөн. Аспаптык өнөрчүлүк (комузчу, кыякчы, чоорчу ж. б.) карандай күү чертүү менен чектелбей, көп учурда алар да дастан айтышкан. «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш», «Карагул ботом», «Жоодар бешим», «Жаңыл мырза», «Үчүкө, Түлкү» ж.б. эпостук чыгармалар алгач комуздун коштоосу менен ырдалып, эл арасына тараган.
«Алайдан чыккан Аксаткын сулуу, Нокаттан чыккан Мырзауул жигит» баяны да жүрөккө жетчү муңайым ыргак менен айтылып, алп тоолорду аралаган. Бүгүнкү күндө «Аксаткынды» бабына келтире аткарып жүр гөндөрдөн акындар Ашыраалы, Тууганбай, Орозбектерди атоого болот. Аксаткын сулуунун сиңдиси Кишимжан Кадыр кызы аттуу аскасы асман челген Алайкуунун өз дастанчы кызы да бар.
Атактуу комузчу Болуш Мадазим уулу «Аксаткын менен Кулмырза» аттуу кара күүнү иштеп чыккан. Комузчу Кудаяр Матай уулу да бул дастанды комуз тилинде сүйлөтүүдө. Ала-Бука районунан Шакен Жоробек кызы Аксаткын эжесинин арманын жыгач ооз комуздун жылаажын добушунда безене кагып ойноп келатат.
Эркин сүйүүнүн курманы – эки жаштын (Аксаткын, Кулмырза) трагедиялык өмүр тагдыры өткөн кылымдарда, тагыраак айтсак, мындан 100-120 жылча мурун болуп өткөн. Бул окуя алгач аңыз болуп айтылып, бара-бара ырга айланып, андан поэмага өсүп жеткен. Ошол поэмадан үзүндү мындан 100 жылча мурун тюрколог В. В. Радлов тарабынан кагазга түшүрүлгөн.
АКТАМАК, КӨКТАМАК
Элге кеңири белгилүү күүлөрдүн бири – Атай Огомбаевдин «Актамак, Көктамагы». «Актамак, Көктамакты» чертүүнү самаган комузчулар аз эмес. Ошолордун ичинде Атайдын жакын шакирти Шекербек Шеркул уулунун «Актамак, Көктамагы» жогорку чеберчиликте аткарылышы менен айырмаланат. «Мен Атакемден (Атайдан) болгону эки гана жаш кичүү болчумун,– деп эскерген Шекербек,– чынын айтсам комузда чертүүнү, ырдоону да ошол Атакемден үйрөнгөм. Кийин мени филармонияга алып келген да ошол Атакем болду. Сен чертип ырдап жүр деп «Актамак, Көктамагын» мага дыкаттык менен үйрөттү. Ал учурда мен дагы филармонияда иштеп калган болчумун. Ошондо филармонияда бир эле айылдын жаштарынан Эркесары, мен, Сейдрахман Акчекеевдер бар эле.
Ошентип, «Актамак сабалай учуп, Көктамагына жете албай Чаткалдын белине чыгып алып, кай тарапка учуп кетти болду экен деп издеп жатканы»,– деп айтып, сөөмөйлөрүн соймоңдотуп, комуздун башына чыгарып алып ойсоктотсо, куду эле чымчыктай болуп калаар эле.
Актамак, Көктамак аттуу эки чымчык болот. Актамагы – аялы. Көктамагы – күйөөсү. Булар Таластагы «КеңКол» атанын тушундагы калың токойдун ичинде илгерки Акун кандын кызы Айчүрөк конгон чынар терекке уя салып, турмуш күтүп жашап турушат. Күндөрдүн биринде аялы Актамак күйөөсү Көктамакка мындай дейт:
- Таласың ак кар, көк муз кетпеген, мөмө-чөмө бышпаган салкын жер болот экен. Андан көрө Карабуура, Чаткалдын ашуусун ашып, Аксы багытына кетели. Анда коон, курма, алма, өрүк, шабдалы, жүзүм ар түрдүү жемиштер көп. Анда күйөөсү Көктамак:
- Эй, Актамак ынагым. Таласта эле туралык. Алтай, Каңгай, Кундуз, Жылдыз, Үрүмчү, Турпан, Кулжаны таштап, Манас атам жайлаган жер эмеспи. Жайдын толук кезинде кыз жытындай атыр жел. Шагырап коюлган шагылы жок, куюн учурар чаңы жок. Жайыты кенен, токою калың, балыгы сууда ойногон мындай жер болобу? Анда аялы Актамак:
- Эмесе, сайрашалы, жеңгенибиз жеңилгенди ээрчитип кете берели,– дейт.
- Мейли, мурун кимибиз сайрайлы? – дейт күйөөсү Көктамак.
- Үй ээси сиз. Кезекти сизге бердим, – дейт аялы Актамак.
Ошондо Көктамак сайрайт.
- Эми кезек сиздики, – дейт күйөөсү Көктамак. Актамак сайрайт. Аялынын мукам, кооз күү кайрыктарына күйөөсү Көктамак суктанат, ыраазы болот. Актамакты булакка киринтип, канатын чапкылатып, кайра учуп, уясына конушат. Бутактан бутакка куушуп ойнойт. Чынар теректин боору менен улам жогорулап, тумшугу менен курттарды чокуп жеп, кылда башына көтөрүлүп айлананы карашат. Улам алым-сабак сайрашып, биринин кайрыганын бири толуктап, ааламды шаңга бөлөшөт. Акыры күйөөсү Көктамак жеңилип, Чынардан учуп чыгышып, Карабууранын өзөнү менен өр талаша канатын каккылап,
Аксы багыты кайдасың деп сапар улашат. Алдыда аялы Актамак канат-куйругун таранып, кубанычтан кулпунуп учуп барат. Күйөөсү Көктамак кайкып сызып, аялынын соңунда. «Актамак, Көктамак» күүсүнө мазмундаш Айдаралы да «Эти ак, сүтү ак» аттуу күүнү жараткан. Анда «Эки чымчыктын кайымдаша сайрашканы, бышыкчылыктуу ысык жерди издешип, сапар чегишкени баяндалат. Айдакең бул күүнү черткенде комуздан эки чымчыктын эки башка үнүн алып, канат каккандарын дырылдатып, кайымдашканын быжыратып, «мунусунун эти ак, тигинисинин сүтү ак, бактан бакка, шактан шакка мына минтип сайрашканы деп, эпкиндете чалып, кебетесин эки чымчыкка окшоштуруп, элестерин элге жеткире чертчү экен». (Б. Алагушев. Кылымдардын кылдары. Ф., 1983, 35-бет). Бул күүлөрдүн баяны мазмун жагынан бири-бирин кайталап тургансыганы менен, чыгарманын авторлору (Атай, Айдараалы) өз ыкмасы, өз стили менен айырмалуу эки башка комузчулар болгондуктан, күүдө берейин деген ой (идея) эки башка мааниге чечилген. Мисалы, Айдараалы эки чымчыктын мамилесин өзүнө таандык куудулдук өнөрү менен берсе, Атай каармандарынын (Актамак, Көктамак) ой мүдөөсүн, кылык жоруктарын кол ойнотуу аркылуу жеткирген.
АКЫЙ, АКЫЙНЕК
Акыйнек, акый – кыргыз оозеки поэзиясындагы «айтыш» жанрынын бир түрү; жаш кыздардын кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү айтышы. Кыргыздар уруулук – феодалдык доордо жашаган учурда акыйнек айтышкан кыздар тууган-уругуна, айыл конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин чукуп, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык менен коркоктугун ж. б. сапаттарын мактап же кордоп алмак-салмак айтышкан. Айтыш музыкалык аспапсыз, обонго салынбай айтылган. Айтыш жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөп оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган.
Байдын кызы менен жардынын кызы
БАЙДЫН КЫЗЫ:
Этегимди, жеңимди, Жардынын кызы теңимби?
Жалжаңдабай жарды кыз,
Жакшылап уккун кебимди.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:
Көөдөнү жок тултук кыз, Көтөрүлбө бултук кыз. Өзүмдү сага теңебейм, Өлсөм дагы кенебейм.
БАЙДЫН КЫЗЫ:
Менин атам сурасаң, Күлүктү минет күнүгө. Сенин атаң сурасаң,
Көк бит талайт түнүндө.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:
Сенин байлыгың – менин байпагым, Балчаңдай баскан тайтагым. Барды-жокту билбейсиң, Кай жоругуң айтайын.
БАЙДЫН КЫЗЫ:
Менин атам сурасаң, Казы кесип, жал жеген. Сенин атаң сурасаң
Тишин соруп, тал жеген.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:
Жарды эмгегин жегендер, Жабышкак жандуу кенелер. Жардыга теңдик келгенде, Сасык байлар сенделер.
БАЙДЫН КЫЗЫ:
Менин энем сурасаң.
Шуру чачпак шалдырайт.
Сенин энен сурасаң,
Талкан сурап жалдырайт.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:
Энең менен болжошуп,
Абысындай жүрөсүң
Алкылдабай жерге кир, Акыйнек айтсам өлөсүң.
Күйөө менен колукту
Бир кыз күйөөсүн чанып жүрсө, күйөөсү: «Мени сен жеңип кетсең, башка күйөөгө тие бер, эгер жеңилсең, үйдө каларсың», – дейт. Анда кыз «макул» деп, экөө айтышат:
КОЛУКТУСУ:
Күн күркүрөп жаз болду, Көйкөлгөн шибер саз болду.
Атакем Алай кеткенде,
Жети атанга ком артып,
Жетелетпей бек артып,
Алты атанга жүк артып,
Алды-кийнин бек тартып,
Ак дайра кечип жол артып Алайга кетсем кантесиң?
КҮЙӨӨСҮ:
Алайга кетер жериңде,
Сары ингенге чөп артып,
Сая жетсем кантесиң?
Куу ингенге чөп артып,
Кумсара кууп мен барып Куба жетсем кантесиң?
КОЛУКТУСУ:
Куба жетер жериңде,
Коктуну басып койкоңдоп,
Кырды баскан кылактап,
Кыйырчыктын кырк кулач, Кызыл түлкү мен болуп,
Кыйырга кетсем кантесиң?
КҮЙӨӨСҮ:
Кыйырчыктын кырк кулач,
Кызыл түлкү сен болуп,
Кыйырга кетер жериңде,
Кандын карылуу тайган мен болуп,
Какмачыга кактырып,
Тосмочуга тостуруп,
Как туураңдан дат уруп, Илип кетсем кантесиң?
КОЛУКТУСУ:
Кандын карылуу тайган сен болуп,
Какмачыга кактырып,
Тосмочуга тостуруп,
Как туурамдан дат уруп,
Илип кеткен жериңде,
Буудай болуп шыркырап, Музга кирсем кантесиң? Таруу болуп быркырап,
Ташка кирсем кантесиң?
КҮЙӨӨСҮ:
Таруу болуп быркырап,
Ташка кирген жериңде,
Көк кекилик мен болуп, Терип жесем кантесиң?
Буудай болуп шыркырап,
Музга кирген жериңде, Алача моюн каз болуп, Алып жесем кантесиң?
КОЛУКТУСУ:
Алача моюн каз болуп,
Алып жеген жериңде,
Салааңдан сенин «бырп» этип, Боз торгой болуп «чырк» этип, Абага кетсем кантесиң?
КҮЙӨӨСҮ:
Төрт мурутум тердирип,
Керилип келтек урдуруп,
Келки кылган жеринде,
Элим Алай жайлатып,
Эки тору байлатып,
Калкымы Алай жайлатып,
Карыя молдо шайлатып, Чапма нике кыйдырып, Алып койсом кантесиң?
Ошентип, күйөө жеңип, чанып жүргөн колуктусун алып, ынтымактуу жашап калыптыр.
«Акый, акыйнек» комузда да күү болуп чертилет. «Акый, акыйнек деген түшүнүк – акыйнек айтышын баяндаган күү; акый, акыйнек – элдик күү». (Ж. Мукамбаев, «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү», Ф., 56-бет).
«Акый, акыйнек» аттуу күүнүн нотасы залкар комузчу Муратаалыдан жазылып алынып, «Муратаалы Күрөңк еев» деген жыйнакка киргизилген.
АКЫНДАРДЫ ЖОКТОО
О дүйнө салган пендени түбөлүк жайына узатканда өкүрүк салып ыйлоо, кошок кошуу сыяктуу ырасмилер кыргыздарда кыйладан бери элдик салт катары сакталып келет. Мындай жөрөлгөлөр акындык, комузчулук өнөрдө да кеңири өрчүгөн. Маркумдун адамдык парасаты, ак эмгеги казалдарда, кошоктордо, эскерме-ырларда, дастандарда жана комуз күүлөрүндө даңазаланып, ал аркылуу экинчи өмүр тартууланган.
Алымкул төкмө кайтыш болгондо акын Ысмайыл кошкон («Акындарды жоктоо», же «Кош Алымкул») кошок – Алымкулдун, Алымкулдан мурда көзү өтүп кеткен жамы таланттардын (акындар, ырчылар, жомокчулар, чечендер, куудулдар, ойчулдар, комузчулар, чоорчулар, кыякчылар, куурчак ойноткондор, артисттер, жазуучулар ж. б.) арбайына багышталган эскерме-дастан болгон, жетимиштен ашык атуулду – жетимиштен ашык түркүн дүйнөнү кыл кайрыгына салган күү-дастан болчу.
Бул дастандын идеялык-көркөмдүк бийиктиги поэзиядагы, музыкалык маданиятыбыздагы баа жеткис мурастарыбыздын ичинде өзгөчө орунда турат. Чыгармадагы көптөгөн ыр саптары, ыр түрмөктөрү улуу сөзгө – макал, ылакаптарга айланган: «Айкөл Манас» деген сөз, алтындан баалуу чыгарма», «Окуу билим жогунан, оозунда кетти ырлары», «Арманда өткөн көп ырчы, андагы турмуш табышмак», «Карамолдо өлгөндө, кайышып турдук көмгөндө, Комузчу Атай өлгөндө, кордугу кыйын шум ажал, кол барбай турду көмгөнгө» ж. б.
Таланттан жуурулган бул залкар чыгарма автордун аткаруусунда кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылып калган. Мезгил өтөт, заман алмашат, «Акындарды жоктоо» сындуу таланттуу чыгарманын Замирбек Үсөнбай уулундай таасын аткаруучуларын ар кылым өзү жаратары да шексиз.
АЛА-ТОО
Кыл кайрыгынын зергери Ыбырай Туман уулу «АлаТоо» деген күүсүн аткарардын алдында: «Алтын-күмүш кенге бай, арасы толгон малга жай, жакасы толгон кызылча, пахта, данга бай, дүнүйөсү шайма-шай – «Ала-Тоо» деген күүмдү чертип беремин», – деп коюучу. Арийне, эне болуп элин асыраган, калкан болуп ач көздөрдөн журтун калкалаган алтын бешик – Ала-Тообуздун санжыргасын айтса сөз жетпес. Мына ошол орошон ойду залкар комузчу эки ооз сөздүн оромуна («дүнүйөсү шайма-шай») батырып айта албаганын угармандарга кыл кайрыгы аркылуу жеткирген. Шурудай тизмектешкен сырдуу добуштар бирде муң чайып, бирде таңшып, бирде сыбызгып, бирде олуттуу тартып күңгүрөнүп: «Менин айтканымды баамдай отур» дегенсип, кулакка шыбыр кагып, зирек угарманын ой дүйнөсүнө жетелейт…
Кыргыз калкы – алмуздактан тоону мекендеп, тоо менен коюндаша жашаган эл. Алар: «Тоо – атабыз, Көл – энебиз» дешкен. Жер шартына, жаратылышына карай Тоо – мекенин ар кандай аташкан. Анжыян кырка тоолорун Керметоо, Талас кырка тоолорун Улуутоо, Ысык-Көл айланасындагы кырка тоолорду Элкинтоо, Тяньшань тоо кыркаларын Теңиртоо ж. б. Жайы-кышы чокусунан ак кар, көк муз кетпей, асман мелжиген бийиктигин эске алганда кыргыз тоолорун жалпысынан «Ала-Тоо» деп коюшкан.
Тарыхый узак өмүрүндө элибиз эчен курдай ырайымсыз күчтүү жоолордун соккусуна кабылышып, эчен курдай аёосуз чапкындын айынан тополоңу тоз болуп, таруудайдан чачылышкан. Ала-Тоо мекенинен сүрүлүп, азып-тозушкан. Кайда жүрбөсүн, каякка айдалбасын Ала-Тоосу көздөн учуп, ага кайрылып барууну эңсешип, сагынычтан арманын айтып озондоп, күүгө салып күңгүрөнүп комузу менен сыр бөлүшчү.
АЛАЙДЫН МИҢ КЫЯЛ
(АЛАЙДЫН МИҢ ТОЛГОО)
Музыковед А. Затаевич 1928-жылы Токтогулдан жазып алган 18 күүнүн ичинде «Алайдын миң кыял», «Алайдын миң толгоо» деген күүлөр да бар. Кийин В. Виноградов Токтогулдун музыкалык мурастарын топтогондо Затаевичтин жазып алгандарын да кошо тиркеп, китепке киргизген. В. Виноградов күүлөргө берген түшүнүгүндө А. Затаевичтин «Күүнүн аталышы Алай деген комузчуга байланыштуу» деген жаңылыш пикирин баса көрсөтөт. Виноградовдун ою боюнча Токтогул бул күүсүн Алай жергесинин жаратылыш байлыгына, элинин бай тарыхына байланыштуу чыгаргандыгын болжолдойт.
Биздин кошумчаларыбыз бул: Токтогул – Кетментөбөнү туруктаган адигиненин сарттар уруусунан. Адигиненин түп уюткусу Алай чөлкөмүндө. Токтогул Алайдагы туугандарына, эл бийлигинде турган Алымбек даткага, Курманжан датка-айымга акыл-кеңеш сурап каттап турган (бул жөнүндө Т. Касымбек уулунун «Келкел» романында да айтылат).
Атагы Орто Азиядан ашып, Романовдун тукумуна дайын ары акылман, ары боорукер, журт камы үчүн башын сайган ак элечек аялзаадасынын айкөлү – Курманжан датканын миң кырдуу, бир сырдуу акыл-амалдары, айлакер саясаты, балким, «Алайдын миң кыял» болуп, Токтогул күүсүндө чагылгандыр.
Бир жагынан Кокондуктардын кордугу, экинчи тарабынан Орусиянын империялык баскынчы бийлиги датка-айымдын өзүн абыгер чектирип, тынчын алып, аларга каршы тынымсыз жүргүзгөн күрөшү да күү кайрыктарын толуктап жатпасын? Ак паашанын арам ойлуу бакыл оозчуларынын ээнбаштыгынан Камчыбектин дарга асылышы, бөтөн жерде Абдылдабектин өмүрүнүн кыйылышы, Мамытбеги жана неберелеринин сүргүнгө кесилиши, 21 кишинин ыраакы Шиберге жер которушу ж. б. коогалаңдуу окуялар датка-айымдын көз алдынан өтүп жатса, аны миң толгоо ойго салбаска, ал комузда «миң толгоо» болуп чертилбеске не?..
Токтогулдун бул күүлөрүнүн санжыра баянын кыялый талдоолорго гана алдык. Болгонду болгондой көрсөтүү – келечектин иши.
АЛТЫ АЯЛДЫН КОШОГУ
Болуш Мадазим уулу: «Илгери «Падышам» деп чертилген күү экен, мен атын өзгөртүп «Алты аялдын кошогу» деп чертип жүрөм, – деп, күү баянын төмөнкүчө улады. Өткөн заманда эл бийлигинде турган бир адамдын алты аялы болот. Эң кичүү токолу барымтага келгендиктен, бай ага күң катары мамиле жасаган. Беш байбичесинин ар бирине өргөө тиктирип, өзгөчө кадырлап, акыл-кеңеште ортого алып, айрыкча сый-урмат көрсөткөн. Мал-салга көз болуу, үй-тиричилиги токолдун мойнунда. Бай эриктиби, же эсирдиби, күндөрдүн биринде көрөр көз айымдарын, салынды токолун сынамакчы болот. «Өлүмүш болуп жатып калайын, менин кадырыма жете турган кимиси? Кошкон кошогунан билинер», – дейт. Айткандай эле бай катындарын чогултуп, керээз-мурасын айтып-айтпай «о дүйнө» сапар тартат. Үй тигилип сөөктү чийге алышат. Эл өкүрүп түшүп жатат. Ошондо байдын аялдары бетин тытып, кара кийип, өлүк ырасмиси кылып сөөк жанында керегени карап, алым-сабакташып салт боюнча байын «падышам» деп кошуп жатканы:
Улуу аялы: Падышам,
бээм, бээм дечү элең, бээңди саап келгиче, беш куурум буудай жечү элең.
Экинчи аялы:
Падышам,
Төөм, төөм дечү элең, төөңдү саап келгиче, төрт куурум буудай жечү элең.
Үчүнчү аялы:
Падышам,
Уюм, уюм, дечү элең, Уюңду саап бүткүчө,
Үч куурум буудай жечи элең.
Төртүнчү аялы: Падышам,
чылбырга белиң буучу элең, Чылага бетиң жуучу элең, Чычая басып жүрчү элең.
Бешинчи аялы: Падышам,
кендирден белиң буучу элең, Келген элди куучу элең, Керейип басып жүрчү элең, Сен кайсы абат киши элең?
Токолу:
Падышам,
алтындан сенин сагагың,
Алты катын ичинде, Азабың тарткан баягың.
Падышам,
Күмүштөн болгон таягың, Күлдү кыргыз эл келсе, Күлүп берген аягың. Күнүлөштөрдүн ичинде, Күйүт тарткан баягың.
Падышам,
Жайлоого бирге көччү элек,
Жайлоого бирге барганда Жадырап жыргап жатчу элек, Жамандык качан тартчу элек.
Падышам,
Каалгалуу коргонуң,
Качырап барып сынды бейм, Калк башкарган айкөлдү, Кара жер алып тынды бейм?!
Падышам,
Көк сарайдын куту элең, Көк сандык толо пул элең.
Көк сарайдан кут кетти,
Көк сандык бошоп, пул кетти,
– деп токол катындын эки көздөн жашы буурчактап, байынын жаманын жашырып, жакшысын чыгарып, бирде Орусиянын төрөлөрүнө жанаштырып, бирде падышага теңештирип кошогун улап жатты. Бир маалда чийге алынган «сөөккө» жан кирип, бай башын көтөрүп, анан оролгон кепинди сүйрөп туруп келатат. Отурган эл удургуп качып жөнөйт. Боз үй сыртында өкүргөн балдар таяктарын ыргытып жиберип, чымын-куюн туш келди чуркашкан. Молдонун колунан теспеси ыргып, оозунан келмеси жоголуп, көзү алайып чалкасынан кетет. Байдын эрке өстүргөн беш катыны жоолугуна чалынып, кулундай чыңырык салып качкан элдин өр алдында. Токолу эсин жыйып, тура келип, абышкасынын кепинин үстүнөн сыйрып таштап, керме жипте илинген кементайын жаап, көрпө тебетейин башына кийгизип айланчыктап жан ында…
Токтоолугу, баамчылдыгы, акылы, кайраты, өнөрү менен жалпы журтка таанылып, жанга шерик ишенимдүүлүгү эрине жагып, бай бийлигин токолуна өткөрүп берген экен.
АЛЫМКАН
Бу жарык дүйнөдө Токтогул аттуу ырчылардын пири, Алымкан аттуу ургаачы затынын сулуусу жашап өткөндүгүн ким билбейт. Ошол эки улуу адамдын арзуу сезиминдеги айкашуудан «Алымкан» деген ыр жаралгандыгы белгилүү. Таланттан бүткөн бул чыгармага кийинчерээк Бектемир Эгинчи уулу кайрылып, ага обон чыгарган. Кыргыз элинин булбулу Мыскал Өмүркан кызы «Алымканды» обон ыргагынын, мукамдуу добуштун туу чокусуна жеткире аткаруу менен улуттук музыкадагы классикага айлантты. Бүгүнкү күндө «Алымкан» кыргыз баласы аттуунун баарынын оозунан түшпөй ырдалып, комузга чертилип, концерттик берүүлөрдө, үналгы, сыналгы уктурууларында эфир аркылуу жаңырып келет.
«Алымкан» кандай тарыхый шартта жана кайсы мезгилде ырдалгандыгы жөнүндө ар түрдүү, кээде кайчы пикирлер айтылып жүрөт. Бул ырды 1938-жылы акын Жоомарт Бөкөнбай уулу Токтогулдун жакын шакирттеринин бири Коргоолдон жазып алып, 1940-жылы басылган ырлар жыйнакка киргизген. Ошондо эле, музыковед В.Виноградов Токтогулдун музыкалык мурастарын топтогон китебине («Музыкальное наследие Токтогула», М., 1961, 159–162-беттер). Корголдун аткаруусунда Алымкандын төмөндөгү эки куплетин киргизген:
Жагалмай канат кашыңдан, Жайылган кара чачыңдан.
Эликтей болгон башыңдан,
Энеден жалгыз баладай,
Алымкан, эркелеп калган жашыңдан.
Алымкан, кыял менен сүйлөйсүң, Кайгы тартсам билбейсиң.
Айнектей көзүң кылгырып,
Алымкан, кыштоодо кызыл гүлдөйсүң.
Токтогул менен Алымкандын кездешүүсү жөнүндө алгач Жоомарт Бөкөнбай уулу жазган: «Токтогул 28 жашында эл кыдырып ырдап жүрүп, Аксыда Алымкан деген кызга кездешет. Акындын таланты кызды айран таң калтырат. Кыз аны менен качууга макул болот. Бирок Осмонбек болуш Токтогулду ээрчитип Алымкандын тоюна алып барат. Токтогул ашыгына «Алымкан» деген ырды жана «Жаш кыял» деген күүнү чыгарат». («Токтогулдун өмүрү», Ф., 1939, 24-бет).
Кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө Коргол ырчыдан жазылып алынган Алымкан сулуу туурасындагы эскерүү-баян (инв. № 623) да сакталып турат.
АЛЫМ САБАК – АЛ САБАК
«Алым сабак» деген татаал сөздүн биринчиси «алым» этиштин атоочко өткөн түрү, ага «берим» деген сөз кошулуп айтылса («алым-берим») карама-каршы маанидеги антонимдик катышты түзүп, алгоолошуу, жарнакташуу, биргелешүү деген сөз маанисин билдирет. «Алым сабак» азыркы маанисинде кезектешип ырдоо же чертишүү дегенди түшүндүрөт. «Алым сабак» – айтыш ырынын бир түрү. Айтышкан акындардын бири ырдаса, экинчиси дароо аны улантып бир кишинин ырындай кылып бүтүрөт. Комузчулардын алым сабак чертишүүсү да поэтикадагы акындардын айтышы сыяктуу өнөрпоздордун чыгармачылык кудуретин сыноого багытталган.
Акындардын айтышында сөз тапкычтык, импровизациялык жөндөм башкы орунда турса, комузчулардын чертишүүсүндө күүдөгү тема менен мазмундун ачылышы, күү кайрыктарынын тактыгы эске алынат.
Алым сабак чертишүү эки максатты көздөйт: а) Эрегиш чертишүүсү: мында катышуучулар өнөгүн басынтуу, үстөмөндөтүү менен өзүнүн жеңишин камсыз кылат. б) Сынаакы чертишүү: мында катышуучулар өнөгүнүн чыгармачылык дараметине баа беришет, тажрыйба алмашат, бири бирине ийгилик каалашат. Алым-сабак чертишүүдө катышуучулардын саны чектелбейт: бирде тандамал эки комузчу беттешсе, бирде эки коллектив, айрым учурларда бирөө бир нече атаандашуучуларга каршы турат. Алым сабак чертишүүнүн шартында алгачкы кезек сыпаакерчилик үчүн улуулата берилет. Мелдешти баштоочу элдик же өзү чыгарган күүнү аткарат да аны каршылашы чертип берүүсүн талап кылат. Экинчи тарап тапшырманы орундата алса гана өз чыгармасын өнөгүнө карай сунат. Алым сабак ушул тартипте бири жеңилгенге чейин улана берет.
Бизге белгилүү атактуу комузчулардан (Күрөңкөй, Майлыбай, Ниязаалы, Боккөтөн, Муратаалы, Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Айдараалы, Атай ж. б.) эч кимиси алым сабак чертишүү мектебинен кыйгап өтө алган эмес. Алардын алым сабак таймашуулары жөнүндөгү көптөгөн уламалар эл оозунда сакталып калган.
Алым сабак чертишүү музыкалык турмушубузда атасалт катары күнү бүгүн уланып келет. Кыргыз сыналгысынын музыкалык берүүлөрү уюштурган «Тогуз кайрык», «Насыят» аттуу телеконкурстарынын тапшырмалары бул айтканыбызды эң сонун ырастоодо. Музыковед В.Виноградов Муратаалынын «Алым сабак» деген күүсүн нотага түшүргөн («Муратаалы Күрөнкеев», 1961, 113-бет); Карамолдо атактуу «Ал сабак» аттуу күүсүн, көпчүлүк учурда «Алым сабак» деп атап, черткен (Б. Алагушев, Т. Медетов «Карамолдонун күүлөрү», 1978, 189-бет); Атай 1936-жылы Москвада «Актамак, Көктамак» жана «Алым сабак» деген күүлөрүн патефон табагына жаздырган (К.Күмүшалиев, «Залкар таланттар», 1973, 116-бет); Калык Акы уулу, Турсун Карымшак уулу «Алым сабак шыңгырама» деген күүлөрдү черткендиги жөнүндө да айтылып жүрөт. Кыргыз үналгысынын музыкалык алтын фондусунда «Алым сабак – Ал сабак» аттуу күүлөрдүн бир нече варианты сакталып турат.
АЛМАНБЕТ КҮҮЛӨР
«Манас» эпосундагы баш каармандардын бири – Алманбет баатырдын ысымына байланыштуу көптөгөн комуз күүлөрү жаралган. Күү баяны каармандын башынан өткөргөн окуялардын айрым урунттуу учурларын камтыйт. Мисалы, Чоң Казат мезгилинде «Чалгынга мени албай кеттиң» деп чуу салган Чубак баатырдын чырынан улам – «Жол талаш» («Алманбет менен Чубак»), Тал-Чокунун үстүндө дүрбү салып отуруп, Алманбеттин кан Манаска Бээжин жайын жомоктоп айтып турганынан улам – «Алманбеттин жомогу», киндик каны тамган ата-журтун көргөндө сай-сөөгү сыздап, чалгындаш жолдошу Сыргакка Алманбеттин арманын айтып турганы «Алманбеттин арманы» деп чертилет.
АЛМАНБЕТТИН ЖОМОГУ
«Алманбеттин жомогу» аттуу күү Ыбырай Туман уулу, Актан Тыныбек уулу, Асанаалы Кыштообай уулунун аткаруусунда кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылган.
Күү баяны: Көкөтөйдүн ашынан кийин, алты хан элин чогултуп, Кытайдын ханы Коңгөрөнү беттеп, Манас баатыр Казатка аттанды. Алты ай жол жүрүп, аябагандай мол жүргөн кошуун Чоң Бээжинге жакын Күрпүлдөктүн Сарысуу деген жеринде өрүүн болду.
Кытайдын жолун чалууга, жоодон кабар алууга Манас Алманбет менен Сыргакты жөнөтөт. Ортодогу чагымчылардын ушагына ууккан Чубак баатыр «мени кеп-кеңешке албай кемсинтишти, чалгынга албай таштап кетишти! – деп буураканга түшүп, ачууга жеңдирип, Алманбеттин артынан чабат. Эки баатыр кырылышып кетеринде Манас жетип барып элдештирет. Эки шерди жараштырып, айкөл Манас Талчокуга чыгып дүрбү салат. Ошондо Алманбет баатыр кара Кытай манжуунун жерин, Бээжиндин кабарын Манаска жомоктоп айтып берет.
АЛМАНБЕТТИН АРМАНЫ
«Алмамбеттин арманы» элге кеңири белгилүү күүлөрдүн бири. Кыргыз үналгысынын музыкалык фондусунда көптөгөн комузчулардын, алардын ичинде, залкар күүчүлөр: Ыбырайдын, Актандын, Мурсаалы Турсунбай уулунун, Бексултан Бакы уулунун жана башкалардын аткаруусунда жазылып алынган.
Күү баяны: Бал ачтырып, төлгө салдырып, Манастын келип калганын билди Коңурбай. Улугу Эсенканды, Кырмус шаанын Мурадылын, кызыл чоктуу Нескараны, калмактардын эр Ушаңын, кара жалдуу Бороончуну, каңгайлардын Ороңгусун, Каткалаңдын Сайкалын, Солондордун Алоокесин, доңуз мүнөз эр Жолойду, Токшукердин Бозкертигин, Солобонун Соорондугун – өңкөй көйкашка эрендерин чогултуп, масылаат куруп, акыры Маңгубаны жердеген Макел Малгун дөөнү чакыртып, Манастын астынан тостурмак болушту.
Алманбет менен Чубак 6 күнү урушуп, Макел дөөнү өлтүрүп, башын кесип алып, Манаска тартуу кылышты.
Төрт баатыр кеңеш куруп: Чет Бээжиндин кабарын билдик, Эми Туңша тарапка карай чалгынды уланталы дешти. Алманбет Сыргакты алып чалгынга жөнөмөй болушту, Манас менен Чубак ушул Басаң тоонун оюнан күтө турмай болушту. Алманбет менен Сыргак Карткүрөңдү коштоп чалгынга кетишти.
Кытайдын кыйырын алаканга салгандай көргөн чалгынчы Чабаланы өлтүрүп, анын алты дөөсүн бирдей жайлап, аттарын айдап алышты эки баатыр.
Алманбет булакка жай ташын салып, алай-дүлөй кар учурган бороон-чапкын кыш кылып, Кароолчу түлкүнү өлтүрүп, Сыргак экөө кытайча кийинишип, түрүн өзгөртүп андан ары бет алышты. Көк тумшукту айланып өтө берип кеңирсиген кенен өрөөнгө киришти. Бул жер – токою калың, тоосу бар, шаркырап аккан суусу бар, чалкып жаткан көлү бар, жакасы толо данга бай, өрүшү кенен малга жай төрт күл тарткан көп калаа – Алманбеттин киндик каны тамган, туулуп өскөн жери эле. Туулган жерди көргөндө Алмаңдын көңүлү жаман бөлүнүп, көзүнүн жашы он талаа көлдөй болуп төгүлүп сырдашы Сыргак баатырга арманын айтып берет.
АЛМАНБЕТ МЕНЕН ЧУБАК
(ЖОЛ ТАЛАШ)
Манас баатырдын чоролору Алманбет менен Чубактын чатагына байланыштуу чертилген күүлөр аз эмес. Ошолордун ичинде, Ыбырай Туман уулунун «Жол талаш», Асанаалы Кыштообай уулунун «Алманбет менен Чубак», аттуу күүлөрү кыргыз үналгысынын музыкалык фондусунда сакталып турат.
Күүнүн баяны: Көкөтөйдүн ашынан кийин Манас баатыр алты хан элин чогултуп, Кытайдын ханы Коңтөрөгө каршы казатка аттанат. Алты ай жол жүрүп, аябагандай мол жүрүп, чарчап-чаалыккан кошуун Чоң Бээжинге жакын Күрпүлдөктүн Сарысуу деген жерине келгенде өрүүн болуп, Алманбет Сараланы минип, Карткүрөңдү коштоого алып, сырдана Сыргакты жолдош кылып, акылман Бакайдан бата алып, чалгынга жөнөп кетишти.
Калабалуу Кыргыл чал оёндорду чогултуп ордо салды. Кырк чоро баш болуп, баатырлардын баары бар. Манас алкымда, Бакай кароолдо, Чубак өз конушуна кеткен. Ажыбай менен Кыргылчал – эки жааттын башчылары. Оюндан от чыгат. Бозуул менен Ырчы уулдун ортосунда чыр башталып, ага кырктын башы Кыргылчал да кошулду. Ырамандын Ырчуулуна Бозуул атырылды:
- Ой, аңылдаган Ырчыуул, Алманбетке батпай Чубакка коргологон куйту кул! Эсиңдеби, Алманбет жаңы келгенде кырк чоро байгеге сайылганы. Баш атына мен турдум, жети аттан кийин сен турдуң. Каның Чубак экөөң эмнеңерге купшуңдагандайсыңар? – Ырчуул бул сөзгө ыза болду, аралда жаткан Чубакка чапты:
- Нойгуттан эрен сен болсоң, ойрон Тейит мен болом. Кытайдан келген бир кулдан эмнең кем, ыя? Манасың сага бир ооз кеңешпей, Алманбетиң бир ооз сөзгө келбей, Сыргакты жанына алды да чалгынга жөнөп кетти. Кепке-сөзгө алынбай оорукта калганың сенин баатырлар катарынан чыкканың эмеспи?!
Бул кабарды укканда ачууга алдырган Чубак:
- Нойгуттун кошууну жапырт атка миңгиле! Мен Алманбет кытайдын аркасынан кууп жетип, башын кесип аламын да, чалгынды өзүм чаламын! – деп добулбасты дүңгүрөтүп, нойгуттарды дүрбөтүп жөнөп калды.
Кароолдо жүргөн Бакай этектеги кошуундун дүрбөшүнөн шек алып, Уларбозду зыргытып Манаска чапты. Бул кабарды укканда айкөл Манас да шашып калды:
- Бакай аба, чуулгандуу Чубак менен кенедейден бирге өстүм эле. Эми ал мени көрсө бууракандап ташып кетиши мүмкүн. Кокус экөөбүз тиреше кетсек, иш тескериге айланып кетер. Аккуламды коштоп барып, алдына тартып, чуусун токтотуңуз, – деди. Боз жоргосун теңселтип, ак сакалын сеңселтип, Аккуланы коштоп абаң Бакай Чубактын алдын тосо чыкты.
- Чубак балам, арзыбаган иштен чуу салып кошуундун ыркын кетирбе. Кытай да болсо Алманбет кыргыздын кызматын аткарып жүрөт. Алманбетти чабам дегениң, Манасты чабам дегениң! Манастын Манас болмогу – экөөңдөн. Манаска өөдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу экөөңөр. Манас сага Аккуласын тартууга жиберди.
Ар качандан бир качан, Жоону сайсам мен сайдым.
Бирок, аты калат Манаска! Чубактан Манас эр бекен?
- деп бууракандап, сөзгө келбей, эпке көнбөй Алманбеттин артынан чабат.
АЛЫСКА КЕТКЕН КЫЗДЫН АРМАНЫ
Бул элдик күү «Алыска кеткен кыздын арманы» деп аталат. Илгери кыргыздар уруу-уруу болуп, көчүп-конуп күн көрүшкөн. Ал кезекте азыркыдай каттам болбогондуктан кыздар алыс аймактагы элдерге турмушка чыга алышкан эмес. Бир уруу эл экинчи уруу эл менен катышса, ага ат менен барышкан. Ошол ат аралыгынан алыс кете алышпаган. Көл өрөөнү, Кемин, Чүй аймагы, Анжиян, Алайкуу багытынан куда-сөөк, жек-жаат күтүү өтө эле кыйынга турган. Бул аралыктарды айчылык жол менен эсептешкен. Тагдырдын буйругу кээде айрым кыздарды ошол «жердин жети катар түбүнө» сүрүп таштаган. Тагдырдын бул мүшкүлүнө моюн сунбаска не? Кыз байкуш төркүн-төсү менен катташа албай, ата, энесин, бир боорлорун сагынып, алар көздөн учуп, эли-жерин ойлосо эки көздөн жаш куюлуп, жол карап жүргөндө асманда кыркаар тартып учуп бараткан парандаларды көрүп:
Асмандап учкан алтай каз, Атакем шаарын көрдүңбү? Атакем шаарын сен көрсөң, Арманымды айта бар.
Көкөлөп учкан көп каздар, Көңкү журт элим көрдүңбү? Көөдөндөн чыккан көп санаа, Күйүтүмдү айта бар!
Ардагым атам сен анда, Армандуу кызың мен мында. Күйөрүм энем сен анда, Күйүттүү кызың мен мында!
Айланып учкан алтай каз. Арманымды айта ба-а-ар.
– деп зар какшап ырдаган экен. Алыска кеткен ошол кыздын арманы комузда күү болуп чертилип, күнчүлүкайчылык жерге тарап, кыздын зарын атасына, атпай кыргыз калкына жеткирген. «Төркүнүнө жетпеген кыздын арманы» ырынын элдик варианты:
Тобурчак аттын токтугу, Тозоктуу жердин окчуну. Аргымак аттын туягы, Армандуу кыздын ыраагы. Тобурчак аттын туягы, Тозоктуу кыздын ыраагы. Куркулдайдын уясы,
Кургак да бекен, суу бекен? Куруп калган атакем, Аман да бекен, соо бекен? Каз-өрдөктүн уясы,
Кара жер бекен, суу бекен? Карып калган энекем, Кырсыктан алыс соо бекен? Ашуунун бели ак кезен, Кара да бекен, кар бекен? Каралдашым тууганым, Аман-эсен бар бекен?
Көккыя бели Көк кезең, Көк муз бекен, кар бекен? Көңкү кыргыз журтумду, Көрөр күнүм бар бекен?
Ак түйүнчөк түйгөндөй,
Асылкеч экен кыз байкуш, Ат жеткис жерге баргыдай, Айыптуу бекен кыз байкуш?! Көк түйүнчөк түйгөндөй, Көңүлдөш экен кыз байкуш! Көз көргүз жерге бергидей; Күнөөкөр бекен кыз байкуш?!
АНЖИЯН КАЛКЫ
Бул күүнү А. Затаевич 1928-жылы Карамолдодон жазып алган. Кийин 1978-жылы «Карамолдонун күүлөрү» аттуу жыйнакка киргизилген.
«Анжиян калкы» күүсүнүн жаралышына тарыхый окуялар таасир эткендиги айгине. ХVI–ХVII кылымдарда кыргыз жерине Ойроттор басып кирген: кыргыз урууларын калмактын кандары (тайчылар) башкарышкан. 1634–40-жылдары кыргыз калкы калмак каны Коңтаажынын кол астында болот. Эркиндикти, көз каранды эместикти көксөгөн кыргыз эли ар качандан бир качан баскынчыларга каршы күрөштү жүргүзүп келишкен. «Курманбек», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза», «Акмактым», «Шырдакбек» сыяктуу баатырдык поэмалар, комуз күүлөрү – ушул замандын тарыхый эстеликтери.
1684–85-жылдарда кыргыз, казак элдери калмак баскынчылыгына каршы жапырт көтөрүлгөн. Бул кандуу кагылышуу кыргыздардын жеңилиши менен аяктап, нечен чолпондой азаматтар кыргын тапкан. Жеңилген эл Анжиян, Алайды беттеп качышкан. Ата журтунан ажыраган азгын калк Анжиян-Арка элине баш пааналап, өлбөстүн күнүн көрүшкөн, эчендери жолдо ачкадан кырылса, канчалары Анжияндын ысык аптабына көнө алышпай дартка чалдыгышкан. Эл баштан кечирген азап-тозогун арман кылып айтышты, кошок кылып кошушту. Бирок келечекке ишеним менен карап, боло турган жакшылыктан күдөр үзбөдү. Ошол ишеним, үмүт, тилек комузда күү болуп чертилди, көөдөндөн ыр болуп агылды…
1855-жылы кытайлар калмактарга согуш ачып, 1858жылы Орто Азиядагы калмак мамлекети биротоло быт-чыт болуп талкаланды. Ушул жылдарда Анжиян, Алайдагы саяк, сарбагыш, солто, саруу кыргыздары Кетмен-Төбөгө чогулушуп: «Калмактар Чүй боорунан кетишиптир, ата-бабаларыбыздан калган, киндик каныбыз тамган өз жерибизге барып, өз конушубузду ээлейли» – дешип, жапырт көчүшөт.
Кушчу, саруу, кытай уруктары күн батышы Талас, күн чыгышы Меркеге чейин ээлеп, эл баштыгы кушчу Бүргөнүн атасы Жетим баатырды ээрчишти.
Солтолор Меркенин чыгышынан тартып, Ысык-Атага чейин туруктап жатышат. Эл баштыгы Кошой бийдин баласы Жамансарт болгон.
Саяктар Кетмен-Төбөдө арасы бузулуп, арка саягы Жумгалга, Нарынга орношот.
Сарбагыштар Чүйдүн көкүрөгүнөн Ысык-Атанын чыгышынан, Ысык-Көлдүн көчүгү Кочкор менен Нарындын ортосунан турук алышат.
Бугулар Нарынга чогулушуп, калмактар Ысык-Көлдөн кеттиби дешип, адегенде чалгынга эр азаматтарын жиберип, аныгын билишкен соң күңгөй-тескей көл айланасын ээлешкен. Калк чогулуп «Ата-бабабыздын жерине келдик» дешип, жер-суу тайып түлөө кылышкан. Шатыра-шатман тамаша курушкан. Ыр ырдалып, күүлөр чертилип, «Анжиян сапарын» эскеришкен. Ошол күндөн ушул күнгө «Анжиян калкы» үч кыл комузда жашап келет. Бул күүнү ким чыгарганы белгисиз. Бирок, атактуу Арстанбектен, калк кадырманы Балык ырчыдан, ак таңдай акын Жеңижоктон, өнөр алпы Муратаалыдан өтүп, кара күүнүн камбылы Карамолдого жеткендиги, бул – анык. «Анжиян калкы» Карамолдо тарабынан тасмага түшүп, урпактар мурасына айланган.
Бүгүнкү күндүн белгилүү комузчуларынын бири Болуш Мадазим уулунун чыгармачылык өнөрканасынан да «Анжиян калкы» аттуу күү жаралган. Бул күү өз өңү, өз боёгу менен (чертилиши жана күү кайрыктары) комуз өнөрүндө өзүнчө вариантты түзөрү көңүлгө арзырлык.
АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ
Кыргыздар – байыртан ар өнөргө жакын, табиятында шыктуу эл. Аларда өзгөчө оозеки чыгармачылык жогору өнүккөн. Ар заман өз кайталангыс залкар өнөрчүлөрүн жараткан. Булар акындар, ырчылар, жомокчулар, комузчулар деп аталган.
XIX кылым акындык жана музыканттык (комузчулук) өнөрү менен бүткүл кыргыз жамаатына таанымал Арстанбекти берди. Анын «Тар заман» аттуу чыгармасы чагылгандын чартылдашы сымал жарк-журк этип ааламга чачырап, добул дүңгүрүндөй түпкүргө чейин угулуп замана жаңырыгы болуп, Ала-Тоо аймагын түрө айланды. Арстанбектин улуулугуна куштун кош канатындай комузчулук өнөрү да күбөдөр.
Заманыбыздын чыгаан комузчусу Ыбырай Туман уулу кадыр түн жортуп күү чертип, тамаша курган чакта «Арстанбектин күүлөрү» деп толгон-токой күүлөрдүн түрмөгүн чубап, ар биринин атын атап черткенин эшиткеним бар. Аттиң кем дүйнө!.. Кагаз калам алып, аларды тизмелеп, дайнын ташпиштеп сурамжылап, жазып калган адам болсочу. Ыраматылык, залкар күүчү кийинчерээк үналгынын музыкалык фондусуна «Арстанбектин ботою», «Арстанбектин кой бөлөр», «Арстанбектин сен дүйнө» аттуу бир нече гана күүсүн жаздырууга үлгүрүптүр. Бир жолу «Арстанбек канча күү билген?» – деп сурап калдым.
– Кудай акы, аны так айта албасмын, илгерки чоң комузчулардан, Кыдыр акемден укканыма караганда Арстанбек үч же төрт жүздөн ашык күү чертсе керек, – деди Ыбыкем.
Адабиятчы-илимпоз Т. Саманчин бир макаласында мындан да ашырып «500гө жакын күү черткендигин» жазган. Санжырачы-тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев Арстанбектин комузчулук репертуарындагы күүлөрдүн санын «эки жүздөн ашуун» деп болжолдойт. Арийне, биз бул жерде Арстанбектин күүлөрүнүн так эсебин алууну максат кылбагандыгыбызды, тек гана улуу комузчунун күүчүлдүк дараметин көз алдыга келтирип коюуну ылайыктап жаткан аракетибизди окурман туура түшүнсө болгону.
Арстанбектин күүлөрүн биздин мезгилдин залкар комузчулары Муратаалы, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз, Шекербек ж. б. аткарышып, айрымдарын үналгы тасмасына жаздырышкан. Мисалы: «Арстанбектин кой бөлөр» (Ыбырай, Самсаалы, Муратаалы ж. б.), «Арстанбектин сен дүйнө» (Муратаалы, Карамолдо, Ыбырай ж. б.), «Арстанбектин арман күү» («Муратаалы»), «Арстанбектин Айхан күүсү» (Карамолдо), «Арстанбектин ат чабыш» (Муратаалы), «Арстанбектин ыр күүсү» (Самсаалы), «Арстанбектин кербези» (Муратаалы), «Арстанбектин ат чубатар ботою» (Муратаалы), «Арстанбектин «Кетбука күүсү» (Шекербек) ж. б.
Арстанбек эпостук-дастандарды («Мендирман», «Бердигожо жалгызым», «Беш казак», «Төштүк», «Кожожаш» ж.б.) «Манасты элге жеткире аткаруу менен байыртан келаткан тарыхый-уламыштарды урпактарга кеңири пропагандалаган жана анын жашоосун андан ары өнүктүргөн. Актан Тыныбек уулунун жазганына караганда Арстанбек чоң аш-тойлордо («Алыкенин ашында») жарчылык милдетти да өтөй жүргөндүгү маалым.
Кылымдар аттап салт катары жашап келаткан элдик күүлөрдүн өзөгүндө Арстанбек көптөгөн күүлөрдү жараткан, демек анын да өз «Камбаркандары», «ботойлору», «кербездери», «шыңгырамалары» «арман-кошок» күүлөрү болгон. Булардын көпчүлүгү өктөбүр төңкөрүшүнөн кийинки «кыйкымчыл» мезгилдерде көмүскөдө калып кеткен, ал эмес, Арстанбектин атын атоонун өзү кооптонууну, чочулоону, сактанууну туудурган учурлар болгон. Арстанбектин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо эл тарыхын, санжыраларын жыйноочу белгилүү илимпоздор Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин, Кайюм Мифтак уулунун, Ыбырай Абдракман уулунун калтырып кеткен илимий мурастарына кайрылууга туура келет.
АРСТАНБЕКТИН АРМАНЫ
Кылжырдын балдары чабышып, арада эчен эр азаматтардын күлгүн өмүрү кыйылып, Ормон кан өлтүрүлөт. Ормон өлгөндөн кийин кеч күздө бүткүл сарбагыш эли кары-жашын малга таштап, жеңил ой менен Ысык-Көлдүн Күрмөнтүсүнүн күн батыш кашатына келип тизиле конушат. Төрөгелди баштык Черикчи элинин сол канатын ала төшкө жайгаштырат. Оң канатын алып, көл жээктеп саяк Борукчу, Калыгул, Надырбек түшөт. Буларга Тынай уруусунан Саадабай 40 киши менен келип кошулат. Бугу, саяктар Күрмөнтүнүн күн чыгыш тарабына тиреше конуп Белектин Туусун тигишет. Алкымдагы Төрөгелдинин бетине бугу Арып тукуму эли чыгат. Көл тараптагы сол канатта кыдык, саяк, бапа, желдең уруулары турган.
Ортодогу Туу түбүндө бүткүл чоң белек, майда белектер болгон. Эки тарап тирешип турганда жараш сөз менен бугудан – Солтонкулу, саяктан – Жантай, сарбагыштан – Калыгул, Шамен ж. б. сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, бирок кандайдыр бир ынтымак, тынчтык бүтүмдөргө келе алышпайт. Алгачкы айкаш Сарбагыш тараптуу саяктардын ийгилиги менен өөрчүп, бугу-саяктарды Кызылкыяга чейин сүрүшөт. Бугудан сарбагыш, саяктарга кыз-келин, мал эсепсиз көп олжолонгон. Сарбагыштар бугунун тынымсейит уругу менен эл болобуз деген сөз жүргүзүшөт. Бирок, убадага турбай Ормондун уулдары тынымсейиттерге уруш ачкан. Сарбагыштар жеңилип, Ормондун Бакал деген уулу жана Көкташ деген небереси колго түшүп калат. Мындан соң тынымсейит уругунун баштыктары Чоң жана Арзымат Кашкарга өтүп кетмекке Арпада көчүп баратканда, саяк, сарбагыштар биригип, анын артынан тынайлардын Жантайы кошулуп тынымсейитти катуу чабышат. Артыкча Арзымат тобу бүлгүнгө учурап, эр азаматтар чыгымга учурайт, мал-мүлкү таланып, кыз-келиндери олжого кетет.
Тынымсейиттер ара жолдо ач-жылаңач калып, тозоктун оту жанып, мүңкүрөп турганда Арстанбек арман кылып ырдаган экен.
АРСТАНБЕКТИН АРМАН КОШОГУ
Арстанбек өлөр алдында алын сурап келгендерге: «Журтум, бүгүндөн калбай силер менен кош айтыша турган көрүнөм, комузумду алып бергилечи, арман-кошогумду көзүм тирүүсүндө айтып калайын», – деп жаздыкка сүйөнө отуруп, комузун кыңгырата муңдуу күүлөрдөн кайрып келип, айтып турганы:
Маң-маң-маң баскан, Чуудаларын чаң баскан.
Айрым өркөчүн ком баскан,
Тизелерин чор баскан,
«Чөк» дегенде «бук» деген, Тизесин жерге бүктөгөн.
Кош аркан салып тарттырган, Калы килем жаптырган. Ак тикен көрсө аймаган, Тилин тикен сайбаган.
Ойсул ата малым бар. Андан тогуз берейин.
Аны берсем алабы, Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы?
Үй арасын боктогон,
Үйдөн туруп жоктогон,
Токойлуу жерге токтогон,
Өлөңдүү жерде оттогон,
Сары жон ылдый дөңкүгөн, Сайгак тийсе мөңкүгөн, Зеңги баба малым бар. Андан тогуз берейин, Аны берсем алабы? Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы?
Кетмендейинен чоң куйрук, Талаада жүргөн ал оттоп, Чолпон ата жарыктык. Андан тогуз берейин.
Аны берсем алабы, Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы? Чакмак мүйүз чаар эчки, Андан тогуз берейин.
Аны берсем алабы, Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы? Жолборстой жону тартылган, Жонуна чачы артылган. Карындашым кашымда. Аны берсем алабы,
Арстанбектей жалгыздын Чымындай жаны калабы? Ай тийбес жерде энем бар, Балтыр бешик балам бар. Аны берсем алабы, Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы?
Арак менен оозун чайкаган, Ак сакалын жайкаган, Атакем турат кашымда.
Аны берсем алабы, Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы?
Белдемчисин байланып, Чарк көпөлөк айланып,
Энекем турат кашымда.
Аны берсем алабы,
Арстанбектей жалгыздын Чымындай жаны калабы?
Казан-аяк калдырап, Алганым турат жалдырап.
Аны берсем алабы, Арстанбектей жалгыздын, Чымындай жаны калабы?
Орус менен сарт айдайт, Ашкабак менен дарбызды.
Жасаган эмес экен го,
Арстанбектей жалгызды?!
Арстанбек бардык чыгармаларын обонго салып, комуздун коштоосунда аткарган. Айрымдарын «айтым күүлөр» жанрында (ыр-обон-күү айкалышында) угармандарга жеткирсе, кайсы бир ырларын кара күүгө салып да чертчү экен. Арстанбек «Тар заманды» аткарганда да ушул ыкмаларды колдонгон. Залкар комузчу Муратаалы Арстанбектин мурастарын комузга салганда бекеринен «Тар заманды» карандай кайрыктарга айландырып чертип, аны «Арстанбектин Тар заман шыңгырамасы» деп атабаган чыгар.
Акын 26 жашка чыгып, эл арасында атак-даңкы жогорулап калган учуру. Дээринде зирек акын падыша бийлигинин баскынчыл мүнөзүнө акыл калчап, баам бере баштаган. Натыйжада, айтылуу «Тар заман» ырынын жаралышына мына ушундай тарыхый шарттар себепкер болгон. Кийинки орус бийлигинин өрөскөй жоругу да («Кой жортуулу») момун калктын жүрөк үшүн алып, сес көрсөтүп койгон. Тоо суусундай токтоо бербес Арстанбектей акындын ыр нөшөрү, коштогон аттай элирген колундагы комузу бул жорукту айыптабай, ичте сактай алмак эмес. «Арстанбектин кой бөлөр» күүсү ушул жагдайда жаралса керек.
АРМАН КҮҮЛӨР
Адам баласынын жашоо турмушу бир кылкалыктан алыс – оош-кыйыштуу, диалектикалуу: бирде кубанса, бирде кайгырат; бирде ач калса, бирде тоюнат; бирде түмөн түйшүк тартса, бирде ыракатка батып… Эл айткандай: «бирде төө минет, бирде жөө жүрөт». Мына ошол жашоонун ар тараптуу татымы ар пенденин ой сезимине бүлүк салбай койбойт. Натыйжада, турмуштагы терс көрүнүштөр (теңсиздик, жокчулук ж. б.) армандарды жаратат.
Армандар коомдогу социалдык абалдан же табийгый закон ченемдүүлүктөн келип чыгат. Социалдык теңсиздик дегенибиз бирөөлөр материалдык байлыктын, бийликтин ээси болсо, экинчи бирөөлөр андай ырыскыдан куру кол. Натыйжада күчтүүлөргө күчсүздөр көз каранды, же «барга зор заман, жокко көр заман». Табийгый закон ченемдүүлүк дегенибиз – өмүр менен өлүм, жаштык менен карылык, ден соолук менен онтоткон оору, тукуму өсүү менен туяксыз өтүү сыяктуу пенденин колунан келбей турган жаратылыштын түбөлүктүү мыйзамы же «бири кем дүйнө».
Кыргыз элинин турмуштук лирикаларындагы (оозеки чыгармачылыгындагы), комуз күүлөрүндөгү эң кеңири тараган тема – «Армандар».
Акын Райкан Шүкүрбек уулу кыргыз комузундагы «арман» кайрыктар туурасында:
«Жетим кыздын арман күү», Жер тиктеп кыргыз чалган күү.
«Көкөй кести», «ботойлор»,
Эскиден ыйлап калган күү, – деп айтканындай, комуз өнөрчүлүгүндө арман күүлөр цикли ар тараптуу жана ар кыл мазмунду кучагына камтыйт:
- Жеке адамдын башына түшкөн мүшкүл же бүтүндөй уруу, эл тарткан турмуштун оорчулугу комуз күүлөрүндө «ботой», «кербез», «кошок», «керээз», «армандар» тобуна байырлап, көп учурда каймана маанини билдирип чертилет.
Мисалы: «Арман күү», «Арман кербез», «Арман ботой», «Абышканын арманы», «Чалга берген кыздын арманы», «Алты аялдын кошогу» ж. б.
- Мезгил өткөн сайын конкреттүүлүгүнөн алыстап, бүтүндөй бир элдин үнүн (оюн) билдирген жалпы темадагы арман күүлөр: «Көкөй кести», «Сынган бугу», «Кыргыз көчү», «Жөө калды», «Куу ингендин ботою» ж. б.
- Коомдук-социалдык теңсиздикти ашкерелөө максатында тамсилдетип чертилген арман күүлөр: «Сары барпы», «Армандуу чымчык», «Карача Торгой», «Торгой менен Турумтай» ж. б.
- Эпостук-дастан күүлөр: «Манастын керээзи», «Алманбеттин арманы», «Эр Табылды жалгызым», «Каныкейдин арманы», «Курманбек», «Кулмырза ботом», «Карагул ботом», «Айсары кыздын арманы», «Саринжи, Бөкөй» ж. б.
- Тарыхый инсандарга байланыштуу чертилген арман күүлөр: «Арстанбектин арманы», «Токтогулдун кербези», «Боккөтөндүн ботою», «Чыныбайдын аялынын кошогу», «Балбайдын керээзи», «Асан кайгы арманы», «Серкебайдын арманы», «Төгөчү», «Абактын арманы», «Ыбырайдын карылык», «Атайдын өлүм алдында», «Артык баатыр кошогу», «Ак шербеттин кошогу», «Музоокенин муңдуу күү» ж. б.
- Философиялык ой туюмду чагылдырган арман күүлөр: «Дүнүйө», «Карылык», «Замана» ж. б.
Өткөндү жашырып-жаап келген социализмдин илдеттерин кайра куруу заманы ачыкка алып чыкты. (Арийне, «социалисттик коомдо кынтыгы жок, турмушубуз телегейи тегиз болду» деген коммунисттик идеология комуз күүсүнөн «Арман темасын» таза өчүрүп салган эмес беле?). Өлкөдөгү саясий, экономикалык кризис, экологиялык бүлгүн, жумушсуздук, нашакорлук, паракорлук, кызылкулактык, аракечтик, төрөпейилдик, тил безерлик, эки жүздүүлүк, уруучулдук, жердешчилик, өзүмчүлдүк… айтор, түгөнгөн сайын түтөп, түрмөктөлгөн «чылык» менен «былыктар» бүгүнкү күндүн армандарын ырга айлантып, күү болуп комузга чертиле баштады: «Согуштан кайтпай калган алты баланын энесинин арманы», «Атасы таштап кеткен жетимдердин арманы», «Кайдыгерликтин арманы», «Кыргызбай менен Кыргызгүлдөрдүн арманы», «Үйүнөн куулган карылардын арманы», «Ош коогалаңынан чыккан арман», «Ысык-Көлдүн көз жашы» ж. б.
1941–1945-жылдагы кан күйгөн согуш алааматы да көптөгөн арман күүлөрдү жаратты. Алардын бирин мисалга келтирели:
«…Касымбала эне сөзгө чыйрак аралашты. Он беш баласынан он экисин жерге берген киши дале кайраттуу.
– Атам ыраматылык өзү комуз чаап, өзү комуз чертчү эле. А мен улактайыман анын этегине эрмешип, топ арасына кошо барып, чертсе комузун, ырдаса оозун карап отура берчүмүн. Ошентип, тогуз жашымда эле комуз чертип кеттим. Ошо, кай жылы экен, жадымда жок кагылайын, иши кылып жылым коён, он беш жашымда ушу Кочкорго келин болуп түштүм. Комузчу кыз-келиндер жанымдан чыкчу эмес…
Анан, ошентип, телегейибиз тегиз, теменебиз болот болуп, эми жашай баштаганыбызда уруш чыгып кетпедиби. Эр азамат болуп калган эки уулум Имаш менен Абылым уруш башталары менен шыр кетип, ошол бойдон жым болду да калды, кагылайын. А мендей шору бар энелер канча Кочкордо? Тиги цынтырда, мынабу эле Кочкордун цынтырында музей бар. Уруштан кайтпай калган миң беш жүз баланын аты-жөнү ошо жерде, ошо тизмеде илинип турат дейт. Бул келбей калганы гана, кокуй!.. Ал эми топудай Кочкордон кеткендери канча эле?
Каңырыгы түтөй түшкөн Касымбала эне кайрадан комузун колуна алып, бу күүсүн «Арман күү» деп чертти.
Кымбатым силер кеткенге, Кырк жылдан мына, ашканбы? Ошондон бери кабар жок, Чын эле шорум катканбы. Өпкүлөй берем дагы эле, Өзүңөр жазган каттарды.
(К. Сактанов, «СК», 12-декабрь, 1982-жыл).
ТОКТОГУЛДУН АРМАН КҮҮЛӨРҮ
Өктөбүр төңкөрүшүнөн мурун жашаган акын, ырчылардын ичинде Токтогулдун өмүрү өзгөчө. Тепсе темир үзчү жигит курагында доого жыгылып, ак жеринен алыскы Шиберге (Сибирге) айдалышы, андагы көргөн кордугу, качкандагы жол азабы Токтогулдун чыгармачылыгында толгон-токой армандар циклинин жаралышына себепкер болгон. Бул армандардын бир даары «Кербездердин» курамында мукам кайрыктуу күүлөр болуп чертилип, муңдуу ырлар менен коштолгон.
Токтогулдун арман күүлөрүнүн ар бири өзүнчө өмүр, өзүнчө санжыра-дастан.
Акын Шиберден качып келип, эли-журту менен көрүштү. Энеси Бурманын көзү тирүүсүндө жүздөшүүгө үлгүрдү. Бирок, жалгыз баласы Топчубайды көрүстөндөн тапты, сүйүп алган жары Тотуянын ордун сыйпалап калды. Мына ушул кубаныч менен кайгы кайчылашкан жагдай комузда «Арман күү» болуп чертилген.
АРМАН
Токтогул Шиберден качып келатканда көргөн азапкордугун ырдаган. Бул ырды алгач казак жеринде казак агайиндердин сый-урматына жетине албай эреркеп ырдагандыгы маалым. Токтогулдун арман ырын музыковед В. Виноградов Алымкулдан жазып алган.
Түшүнбөйт эч ким тилиме, Кондурбайт эч ким үйүнө. Туулган карып экенмин, Кайгылуу күндүн түнүндө. Пааналап жатар жер таппайм, Бастырманын түбүндө.
Курсагым ачка кубат жок, Карып жан калар бекен тирүүгө. Күкүк элем сайраган, Күлүк элем жайнаган.
Күндө болуш манаптар, Күнөөсүз кармап айдаган. Күрдөөлдүү кыргыз элимди, Күнөөдөн аман кутулуп.
Көрөр бекем кайрадан?
(«Музыкальное наследие Токтогула», М., 1961, 99-бет).
Токтогулдун бул арман ыры Калык Акы уулу тарабынан кошумчаланып, «Көчөдө өлчү күнүмбү?» деген темада 1938-жылкы жыйнакка киргизилген.
АРМАН КЕРБЕЗ
Жаратылыш, жан-жаныбарга, адам пендесине узак өмүрдү шыбаа кылса, акыры барып карылыктын капканына чабылары белгилүү. Ошол капкандын карыштырма жаагынын азабын айтсаң: ооздон тишти күбүп, белден күчтү сыгып, көздүн курчун кетирип, акылды кемитип… барган сайын куушуруп кысып, шалдырканды чыгарып, акыр аягы көрөр күн, ичер сууну түгөтүп, көөдөндөн жанды алып тынат. Мына ушул өмүрдөгү карылык белесинен ким кыйгап өткөн?.. Жашоодогу бул мыйзам ченемдүү кубулушка эч ким кайдыгер карай албаган, акындар ырында, комузчулар күүсүндө «карылыктын армандарын» жаратышкан.
Шибер тозогу Токтогулду мезгилинен эрте карытты. Аны акын «Арман кербезинде» ырдады. «Арман кербезди» акын айтым күүлөр насилинде аткарган. Акындын шакирттери Алымкул төкмө, Коргол ырчы да устатынын сынын бузбай а дегенде кол ойнотуп, түрлөнтө күү чалып, аны ыр менен улап кетишкен. В. Виноградов «Арман кербезди» ушул эки акындын аткаруусунда жазып алган. («Музыкальное наследие Токтогула», 1972, 86–93-беттер).
Залкар комузчулар «Арман кербезди» кара күүдө аткарышкандыгы белгилүү.
АРМАН КЕРБЕЗ
Эргип черттим Токтогул, Эсил жашты жоктодум.
Эртеге кеткен балалык,
Чиркин эстесем келбейт окшодуң.
Буруп чертчи, Токгогул,
Булбул жаш, бурулуп келбейт окшодуң. Буурул болсом мейличи,
Мен, буралган жашты жоктодум.
АРМАНДУУ БУЛБУЛ
Күүлөр дайрасында куюлган булак сууларынын бир салаасы – Булбул темасы. Булбул сайрачу куштардын ичинде мукам, назик, жагымдуу добушу менен айырмаланат. Ошол себептүү булбул куш акылмандыктын, чечендиктин, ырчылыктын жана сүйүүнүн символу катары кабыл алынган. Токтогулдун акындык өнөрүн баалаганда калайык калк «Тоо булбулуна» салыштырганы бекеринен эмес. Бул кичинекей сүйкүмдүү чымчыкты комузчулар күүгө салганда эки максатты көздөшөт: биринчиси, кадимки чымчыктын сайраганын кадыресе туурап чертүү; экинчиси, коомдогу социалдык теңсиздикти ашкерелөө максатында чымчык менен жыланды баш каарманы катары сүрөттөп чертүү. «Булбул» темасы ар кыл: «Булбул», «Таң булбулу», «Булбул сайрак», «Армандуу булбул», «Армандуу чымчык», «Сары барпы», ж. б. Токтогулдун «Армандуу булбул» аттуу күүсүн В. Виноградов Атайдан жазып алган. Кыргыздын үналгысынын музыкалык алтын фондусунда «Булбулга» байланыштуу чертилген күүлөрдүн дагы бир варианты – «Армандуу чымчык». Күүдө жыландан балапандарын коргогон чымчыктын (булбулдун) аянычтуу картинасы чагылдырылган. Бул кырсыкка каршы башка канаттуулар (күйкө, күкүк ж.б.) да жардамга келишет. Комузчу ар бир каармандын (жылан, булбул, күкүк, күйкө ж.б.) кылык-жоругун, аракет кыймылын, добушун кол ойното жана музыкалык каражаттардын (кыл кайрыктары) жардамы аркасында туурап, төмөндөгү ыр саптарын айтып чертет:
Айда туусам айда жок, Ак жылан сага не жаздым?
Күндө туусам күндө жок, Көк жылан сага не жаздым?
Калып булбул а мен сайрап, Ай талаага кетемин.
Кара кылдың а ак жылан,
Жалгандан кароосуз өтөр бекемин. Учуп булбул а мен сайрап, Учуп заар кетемин.
Уялбадың а ак жылан,
Жалганда уулсуз өтөр бекемин?
АРПАНЫН АЛА-ТООСУНАН
Сөзү, обону Муса Бает уулунуку. Жигит менен келиндин махаббат сезиминен жаралган ашыктык ыры. Бул ырды залкар комузчулардан тартып кыл тырмаган ышкыбоздорго чейин комузда күү кылып да чертишет.
Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп, Алсам дейм куштун боосунан.
Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам. Асылкеч сендей келиндин, Айлантып өпсөм оозунан.
Кар кетпес Ала-Тоосунан, Карасам кийик боосунан.
Кадимки шумкар экен деп, Кармасам куштун боосунан.
Калкыңа күндө баргандан, Капырай минтип чочунам. Кадыркеч сендей келиндин, Кайрылып өпсөм оозунан.
АРСАР КҮҮ
1936-жылы бүткүл кыргызстандык элдик өнөрпоздордун биринчи олимпиадасына 335 адам катышкан. 60 өнөрпоз «мыкты аткаруучу» деп табылып, акчалай сыйлык ыйгарылган. Алардын ичинде Ош облусунун Кызылжар районунан (азыркы Жаңыжол району Кичиакжол кыштагы) келген 80 жаштагы комузчу Ныязаалы Борош уулуна биринчи орун берилген.
Ныязаалы сахнада жеңин чечип, көкүрөгүн ачып таштап, күүгө сөз кошуп, комузду бирде ийнине чыгарып, бир аркасына келтирип, бирде жерге коюп, кайта бооруна кысып түрдүү кыймылда чертип жатты. Ныязаалыны эл сахнадан кетирбей үч жолу черттиришти. Мына ошол чоң өнөр жарышында мара талашкан «Арсар күү», «Шыңгырама», «Терс кагыш» деген күүлөр эле. Булардын ичинде элибиздин көркөм маданиятында зор баага татыганы «Ныязаалынын арсар күү» болуп эсептелет.
Айта кетели, комуз дүйнөсүндө башка «Арсар күүлөр» да чертилет. Мисалы, комузчу Эркесары «Тынардын арсар күүсүн» музыкалык алтын фондуга тапшырганы белгилүү. Бирок, Ныязаалынын «Арсар күүсү» комузчулардын репертуарында көбүрөөк орунга ээ.
Комузчу Шекербек Шеркул уулу «Арсар күүнү» кайырганда устатын минтип эскергени бар: «Ныяз акем оң билегин чыканагына чейин түрүп:
Аксылыктын «Арсар күү»,
Атын таап черткенге,
Абдан жакшы арзан күү,
Черте албаган адамга,
Эң бир оор сарсан күү, – «малак берип черткиле» деп нускоо таштоочу. Комузда кол ойнотсоң Ныязаалыдай бол дегенге чындап көзүм жеткен эле». «Арсар күү» маанисин комузчу Токтосун Тыныбек уулу таамай-так бере алган:
Кайгыга бүткөн арман күү, Карыганда кайран күү. Заманына жараша, Зарын чертип калган күү. Чер таратчу «Арсар күү», Черткендерге арзан күү. Сайратып черте албаса, Сары оору кылчу сарсан күү. Так үйрөнүп алгыча, Далай азап тартар күү. Таасыңдаса үйрөнүп,
Табылбаган залкар күү.
(«Менин устаттарым», Ф., 1983, 153–154-бет).
Акындан ашыра айтар сөз жок. Кошумчаларыбыз, «Арсар күү» залкар комузчунун өмүр жолунда 80-белестин ашуусундагы ой чабытынын күүдөгү эстелиги гана.
АСАН КАЙГЫ
Адам менен жаратылыш ортосундагы карым-катнаш, байланыш алмуздактан келаткан мыйзамченемдүүлүк. Жан-жаныбарларга аёочулук менен мамиле жасоо, табийгаттын көркүнө тартылуу жана аны аярлап урунуу тарбиясы кыргыз элинде элдик оозеки чыгармалар аркылуу айрыкча насыйкатталган. «Жаратылыштан керегиңе жараша пайдалан, ашыкча сугалактык кылып бүлдүрүүгө барсаң алардын убалы аттатпайт, Жараткандын каргышына каласың, чөптү кор көрсөң, көзүңө зыян» деген сөз бар. Мына ушул накыл идеянын негизинде «Кожожаш» сыяктуу поэма-дастандар жаралган. Эл оозунда кеңири айтылып келаткан «Асан кайгы кейиши» ылакабы да өз заманындагы экологиялык насааткердин акылмандык оюн тастыктайт.
Асан кайгы уламышы – бир катар түрк элдериндеги (ногой, кыргыз, казак, каракалпак) орток чыгарма. Кыргыз калкындагы Асан кайгы жөнүндөгү айтымдар адам менен жаратылыш ортосундагы ажырагыс биримдикти, адам менен адамдардын ортосундагы социалдык абалды турмуштук жана философиялык талдоолорго алган элдик оозеки чыгарма. Анда адамдарга, айбанаттарга, дегеле, жанды-жаныбар аттууга боор толгоо, алардын оор абалына кейип-кепчүү, кыйынчылыктарга тең орток болуп кайгысын бөлүшүү сыяктуу боорукерлик, камкордук сезим бар. Ушул сезим башкаларды да боорукерликке чакырат, он сегиз миң ааламда жашап, күн көрүп жаткандарды биргелешип өмүр кечирүүгө үндөйт.
Асан кайгы жашап өткөн мезгил «Казактар Оролдон Балкаш көлүнүн айланасына жаңыдан келип орногон Жаныбек хандын заманы (1450–1460-жылдар) болуу керек» – деп болжолдойт Белек Солтоной уулу. («Ала Тоо», № 11, 1988, 106-бет).
Элдик санжыра-баяндарга караганда Асан кайгы Жаныбек кандык кылган замандарда Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Акыл Карачач, Жээренче чечен, Алдар Көсөө менен бир мезгилде жашаган. Эчен кылым өтсө да, элибиздин эсинде ысымдары бекем орун алган бул даанышмандардын ичинде Асан кайгыны акын-ырчы, чебер комузчу катары экология жарчысы деп айтууга негиз бар. Башкасын айтпаганда да, «Керметоо», «Карача Торгой суу кайда?», «Керөзөн», «Ысык-Көл» ж. б. сыяктуу салт күүлөрдүн башаттары Асан кайгыдан келаткан музыкалык мурастар экендиги талашсыз.
Манасчы жана фольклорист Ыбырай Абдыракман уулу Асан кайгы уламыштарынын бир нече варианттарын жыйнаган. Анда Асан кайгынын жан-жаныбарлардын турмушуна кайгырып, кейип кепчиген боорукер адам экендигине караганда сынчылык жагы көбүрөөк айтылат. Ал Желмаян минип жер жүзүн кыдырып, сынап жүрчү имиш. Төлөн Мырза Асан кайгынын кеңеши менен буудайыкты (хандын кушун илип кетип жүргөн) атып түшүрүп, хандын берген алтын, күмүш, Айдай сулуу кызын албастан: «мага Токумдай жер, жарымдай суу бериңиз», – дейт. Жаныбек буга макул болот. Асан кайгы эли журту менен Сырдан көчүп Чүйгө, андан Кочкор, Нарынга түшүп, андан Текеске барып, акырында Үчкүбөк жерди жактырып туруп калат. (Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусу, инв. 427/1640. 112–116-беттер).
Тилчи-окумуштуу Карасай уулу Кусейин Асан кайгы деген ысымды төмөнкүчө чечмелейт: «Асан кайгы – уламыш боюнча акылман, ойчул, абдан боорукер адам. Элдин оор турмушуна абдан кабатыр болот. Эл бейпил турмушта жашагандай жайлуу мекен издеп, жер кезип жүрүп «каза болгон делет». («Өздөштүрүлгөн сөздөр», Ф., 1986, 44-бет).
Кыргыз баласы атам-замандан мал менен күн көргөн, мал менен оокат кечирген эл. Кар калың түшүп, суук күчүнө алган жылдарда кыш камылгасынан энөө журт көбүрөөк жабыр тартуучу: бир жагынан илдет чалып адамдардын өмүрүнө забын келсе, бир жагынан төрт түлүккө жут келчү. Ушундай кыйын кезеңде айтылган «Асан кайгы кейиши» деген накыл сөз бар:
Салган тамы жок,
Кылган камы жок,
Алган даны жок,
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок,
Көзү-башын көгөртүп,
Баягы көгөөн байкуш кантти экен? Көрө турган көзү жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп, Тарбаңдаган шор тумшук, Ташбака байкуш кантти экен? Боору жерге жабышкан, Баса албаган балчактап.
Бака байкуш кантти экен? Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Оргон-жыйган чөбү жок, Эчтемеге эби жок.
Доңуз байкуш кантти экен? Кирер эшиги жок, Корголор тешиги жок.
Коңуз байкуш кантти экен? Сууга муздап,
Сөөгү сыздап.
Көргүлүктү көргөн чыгар, Балык байкуш кантти экен? Жайлоодо жабуу албаган Арык байкуш кантти экен?
Курт-кумурска үйү жок,
Куурап баары өлгөн чыгар, Өлбөсө да байкуштар, Көргүлүктү көргөн чыгар. Жанын сууга жашырып жүргөн, Жаян байкуш кантти экен?
Колун алып бооруна, Коркуп качып жүргөн Коён байкуш кантти экен? Уясын кар баскан чыгар, Шору таштай каткан чыгар.
Муздап карга жаткан чыгар, Чымчык байкуш кантти экен?
Ээси жок багарга, Элик байкуш кантти экен?
Жерге-сууга жукпай жүргөн,
Жейрен байкуш кантти экен?
Бөрү мунун душманы эле, Бөкөн байкуш кантти экен? Кара таштан жай алган, Таштан башка үйү да жок эле. Үй оокаттын бири да жок эле, Кийик байкуш кантти экен? Чилде түштү, кыш болду, Суунун баары тоңуп, муз болду.
Каз-өрдөктөн канча өлдү экен?
Каркыра байкуш кантти экен? Оокат кыларга эри жок, Отун аларга эби жок. Чапаны жыртык, жеңи жок, Жесир байкуш кантти экен?
Жеңесинен жеме угуп жүргөн, Көңүлдөн калгыс кеп угуп жүргөн.
«Жетим шүмшүк» деп угуп жүргөн, Кийими жок жылаңач болсо, Тебетей жок жылаң баш болсо. Көзүнөн мончоктоп жаш агып жүргөндүр, Жетим байкуш кантти экен?
Бай-бай, оокат ай,
Жок болсо мал кыйынын кантейин. Табылбаса нан кыйынын кантейин, Ажал жетип өлгөнчө, аманат чиркин.
Жан кыйынын кантейин! Сууга муздап, Сөөгү сыздап.
Чалбарларын кие албай, Чалдар байкуш кантти экен? Байпагын кие албай, Басып жүрө албай.
Балдар байкуш кантти экен? Келини тил албай, Кепичин кие албай. Не кыларын биле албай, Жөн басып жүрө албай.
Кемпир байкуш кантти экен?
Алтын ордонун хандарынын бири Жаныбектин тушунда Моңголдордун кысымына туруштук бере албаган көчмөн калк Об дайрасынын боюна сүрүлгөн. Жер оошкон уруулардын бири – кыргыздар болуп, алар бөлөк эл, бөтөн жерде аймактын жаратылышына жана турмуш тиричилигине көнө албай абдан кыйналышат. Ошондо Асан кайгы:
Мурунга кирсе барбайтып, Эрдиңе тийсе калбайтып.
Кармаса колго көрүнбөйт,
Мунун чаккан жери билинбейт
- деп аптап, кургакчылыктын азап-тозогуна кабатырланып, обозгер чекчү экен. Аскасы асман челген тоосун, көк салкын аба тунук суусун эңсеп: «Канткенде эли журтумду өз мекенине жеткирем» деген ой башынан кетпейт. Анжыян, Ташкен, Ысар, Бадахшан, Үргөнч, Хива, Сарыарка, Каратоо, Алатоо, Астрахан, Крымга чейинки аймактарга бийлик жүргүзүп турган Жаныбек Алатоодон оошуп барган Асан кайгынын азгантай элин кээде эрмектеп, кээде басмырлап, ар кандай буйруктарды берип, аны аткарбаса опузага да ала берчү. Асан кайгынын Төлөн деген уулу да атасын тартып сөз билги, чыйрак чыгат. Бир күнү Жаныбек хан Асан кайгыны чакыртып алып:
- Эч нерсеге кейибеген, ачуусу келбеген адам болобу?
- деп сурады.
Асан кайгы:
- Аны биздин Төлөн мырзадан сынап көрүңүз, – деди. Хандын буйругу боюнча Төлөн салбырынга чыккан күнү анын байлоодогу Карагер күлүгүнө эки жигит учкашып, жайдак минип, аябай тердетип Төлөндүн астынан чаап өтүштү. Төлөн бул эргулдарды токтотуп:
- Тердик салып, ээр токуп минүүңөр экен баатырлар, көчүгүңөр жооруп калды го?! – деди аяп.
Бул окуяны уккандан кийин Жаныбек хан Төлөндү дагы чакыртты:
- Кечээ эки тентек сенин атыңды жайдак минип, ойго-тоого чапкылап, кыйнап койгон көрүнөт, сен аларды көрдүңбү?
Төлөн:
- Таксыр ханым, көрдүм, – деди.
- Көрсөң ээнбаштарды неге жазалабадың, сен эмес менин ачуум келди, – деди хан.
- Атам Асан бирөөнүн көңүлүн оорутуп, шагын сындырба, анан касал туталанып ачуулуу болбо деген. Мен атамдын айткан акылын так орундатышым керек, – деди.
Хан Асан кайгыны чакыртып алып, дагы бир шумдуктун башын кылтыйтты:
- Жакын арадан бери бир кырсык пайда болду. Качан куш салууга чыксам чоңдугу ителгидей бир неме куушурулуп келип, кушумду жара тебет да асманга кайкып көздөн кайым болот. Мунун сырын билесиңби?
- Бул укмуштун сырын Төлөн мырза табат. Куш салганда аны кошо ала чыккын, – деди Асан кайгы.
Атасынын айткандарын көңүлгө бекем түйгөн Төлөн мырза хан менен бирге куш салууга чыкты.
Бир убакта хандын алдынан кыргоол учту, хан колундагы кушту таманга кагып шилтеп калды. Куш жергемдеп жетип, чалкалап илип аларда асмандан бир кичинекей ак неме куушурулуп келип, кушту бөлө тепти да, кайра асманга атып чыкты. Даяр турган Төлөн ат үстүнөн тигил шумдукту текөөргө атып, тегерене калганда бөтөгөсүн жара атты эле, баягы тегеренип келип, хандын астына түштү. Төлөндүн эрдигине ыраазы болгон хан алдына күлүк ат тартып, үстүнө жаннат ичик жаап, алтын-күмүш дилде тартуу кылды. «Элимден эл бөлүп берейин», – деди.
Төлөн эч бирин алган жок.
Хан:
- Деги саа эмне керек? – деп сурады.
Төлөн:
- Таксыр ханым, сизге ылайык келсе темингидей жер, жарымдай суу, томуктай тоо сурайым, – деди.
Жаныбек хан:
- Быягы мына бул Кызылжар, Семей, аягы Алтайдан каалаган жериңди ал, – дейт.
Асан кайгы уулунун чыйрак тың чыкканына ыраазы болуп, батасын берди. Ошентип, өз урук-туугандары менен батыштан – Сыр боюнан, Чыгышка – Ала-Тоого карай багыт алып көчүп жөнөшөт.
Эдил кайда эл кайда, Жайык кайда жай кайда? Жалаң аяк шорлууга,
Даңгыраган жол кайда?
Же:
Эдил кайда тоо кайда, Эмил кайда зоо кайда? Карача Торгой суу кайда?
деген ырлар, күүлөр эл-жерин эңсеп, кусадарлыгы артып, зар-муңу күчөп келатканда жаралган.
Аттуу-жөөлүү, арып-ачып келаткан элди баштап, мал-жанга жайлуу, жашоого ыңгайлуу жерлерди баамдан өткөрүп, аны ыры менен сынакка алып келе беришет. Иле боюна келгенде айланага аркы-терки көз чаптырып, колуна комузун алып, муң чайган кыл кайрыктарын жаз жамгырындай себелей минтип ырдаган экен:
Кулдур-кулдур кумдак чөл, Арасынан аккан сел.
Аягы деңиз, дайра-көл, Иленин башы Үчарал, Төгөрөгү чалкар бел.
Тулпар минип туу ушап, Чалкып жатса кайран эл.
Тоосу шибер, токой чер,
Күндөрдүн бир күнүндө
Айдап чыгар душман эл, –деп, келечекки эл камын ойлоп, «бул жер бизге түбөлүк жер боло албайт» деген бүтүмгө келет да, көчтү андан ары улайт. Иледен өтүп, Сарыаркага келгенде кошунду дагы бир аптага тыныктырып, жер сырын чалып, арка-белин аңтара караган соң:
Бетеге белден буралып,
Туш-туштан тунук суу агып,
Карчыга шумкар куш салып,
Эндекей тартып эр азып,
Тарчылык заман болгондо,
Эли кетер сандалып, –деп бул жерден да кынтык табат, элинин келечек тагдырына убайым тартат.
«Бул жер да бизге жер болбойт» деп, дагы сапар улаган.
Казактын көз жетпеген кенен талаасына келгенде ырдаганы:
Элкин-элкин, элкин тоо,
Элкин тоого мен чыгып Чыгыш жакка карасам Эл карасы көрүнбөйт!
Көлдө жаткан көп өрдөк Ылаачын тийсе бөлүнбөйт.
Түндүгүнө карасам, Боз мунарык, көк түтүн, Кол экени билинбейт.
Же, жашарып жаткан тулаң чөп, Жер экени билинбейт.
Батышына карасам, Адырлуу чоку арсайып, Кашаа болуп калыптыр.
Мусулман барбы, жоо барбы?
Же, андан ары тоо барбы? Түштүгүнө карасам, же, жапырайган адырбы?
Кыжылдап жаткан кытайбы? Буралып көккө бөлүнүп же, тоосу күйүп тутайбы?
Мындай чөлдүү жерлерде, Эли ачтан жутайбы?
Ушуякты бет алсам,
Менин сапарым карып узайбы?
Көч жолу жүрө-жүрө Ысык-Көлгө алып келген. Асан кайгы Көлдү көргөндө өмүрүндө бир жолу жылмайган экен. Көлдү кыркаар курчаган күңгөй-тескей Керме-Тоолорду, кеңирсип жаткан жайлоо-төрлөрдү, шаркырап аккан сууларды, Көл башы Кызылкыядан, Көл аягы Кызыломполдон жорткон атыр жыттуу салкын желин, дүпүйүп жаткан токойду көрүп, көөнүнө толтуруп, атабаба конушуна ак сарыбашыл айтып, түлөө өткөрүп, эли журтунун маңдайында шартылдата «Керметоо» деген күүсүн чалып, аны төмөндөгүдөй ыры менен коштогон дейт:
Керме-керме-керме тоо, Керме-Тоонун сары өзөн, Туура суунун баары өзөн. Оту-чөбү жок туруп, Малы семиз Керметоо. Упа-эндиги жок туруп, Кызы сулуу Керметоо.
Жылтырканы, шыбагы,
Жылып аккан булагы,
Шаркырап аккан булагы, Шамалынын ынагы.
Кылдырап аккан булагы, Кымызынын ынагы.
Үч Каркыра, Көк дөбө, Эми бизге жок дөбө.
Арта салып кеткенге, Арканчы болуп кетсекпи? Жая салып кеткенге, Жамынчы болуп кетсекпи?
Ошентип, кыргыз уругунун бир бөлүгү бабалардын киндик каны тамган Ала-Тоосуна кайтып келишип, Ысык-Көлдү байырлап калышкан экен. Асан кайгынын өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү касиеттүү Ысык-Көлдүн адам жүрбөй турган бир аралына коюлган экен. Асан кайгы урпактарына боорукерликтин, адамкерчиликтин, кайрымдуулуктун санаттарын калтырган. Алар макал-ылакаптарга айланып, тарбиялоо усулуна өткөн: «Улугу адил болбосо, убара тартат эл карып», «Жамандарга айтылган алтын, каухар сөз карып», «Карга сүйөт баласын аппагым деп», «Бир уйдун мүйүзү сынса, миңиники зыркырайт», «Кудаадан буйруксуз кумурсканын буту сынбайт», «Жок болсо мал кыйынын кантесиң, табылбаса нан кыйынын кантесиң?», «Куйругу жок, жалы жок кыш чилдеде кулан байкуш не болот?», «Оту чөбү жок туруп, малы семиз Керметоо, Упа, эндиги жок туруп, кызы сулуу Керметоо…»
Т.АБДИЕВ
ЗАЛКАРЛАР
БЕКНАЗАР КУУДУЛ
Ал убакта артисттер айылга сейрек келер эле. Эми ойлосом Кетмен-Төбө өрөөнүнүн жолунун алыстыгына жана татаалдыгына байланыштуу турбайбы. Анда көбүнчө райондук өздүк көркөм чыгармачылык тобунун өнөрпоздору келип турушчу. Алар Бекназар Арзымат уулу, Сарыкунан Дыйканбай уулу, Кадыркул Райымбек уулу жана башкалар эле. Көрсө радио, телеси жок элдин жан кумары ошол кишилердин өнөрү экен. Бизди жыргаткан, боорубузду тырматкан да, албетте, Бекназар куудул болчу. Ал «он эки улуттун тилин билем» дечү. «Улуттары» жан-жаныбар, айбанаттар эле. Бекназар бир эле маалда үч-төрт иттин талашканын, бир эле маалда беш-алты мышыктын мыёологонун туураганда, көрбөй туруп уксаң куду ит менен мышыктын өзүндөй болуп калчу. Талкан, каймак жегенде салааларын бирден соруп, анан кудум жеп аткансып алакандын алды-артын тили менен жалап өзүндөй кылып көргөзчү. Бай менен кедейдин «сакалдаба, сакалдаба» деп мушташканы, деги эмнени туурабасын көзүңө элестетип, болуп жаткандай көргөзөр эле.
Бекназар бою пас, башы таз, эки бетинин чүкөсү чыгып, уурту чуңкур, көзү чекчейип жээги кызыл, сүйлөсө тили такылдак эчки-теке болуп какылдап… койчу кебетесин көрсө адам эмес маймыл да күлмөк.
Бекназардын өнөрүн туурап гана көрсөтүш керек, бирок анын өзүндөй туураш мүмкүн эмес. Ал эми кыймыл аракетин кагазга түшүрүш андан да татаал, ошентсе дагы окурмандарга аңгемелеп берүүгө аракет кылып көрөйүн. Бекназар минтип баштачу эле:
- Ата-энем мен төрөлгөндө эле өлүп калып, бешикте жетим бойдон калгам. Үч жыл итий болдум, үч жыл май ичме болдум, үч жыл куу далы болдум, үч жыл ич өтмөк кесел болдум, кыскасы он эки жашка чейин бешикке жаткан бечел болдум. Бир күнү курман айтта жеңем мени бешикке бекем таңып:
- Желмогуздай болуп сүйлөп ийбей үйгө баш-көз болуп жат, биз айттап келебиз, – деп кетип калды. Жеңем кетери менен айылдын кыз-келиндери биздин үйгө кирип:
- И-ий, булардын үйүндө Кудайдын улуу күнү эчкимиси жок турбайбы, казанын суута бастырып коюшкан го дегенинен, – мен чычалап кетип:
- Үйдө мен бар, ашканада боорсок бар, өзүңөр да жегиле, менин оозума да сала кеткиле, – деп бешиктен сүйлөп ийдим!
«Апа-а!» деп чогуу бакырып эшикти карай атып жөнөштү, бешик жабуунун тешигинен көрүп турам. Бирөөсү кептеле түшүп, мен жаткан бешикке чалынып оңкосунан кетти эле бешигим кырынан жатып калды. Бакырган бойдон баары качып кетишти, мени өйдө кылып койгон киши жок. Кырыман жатам, ууртуман шилекейим чубуруп атат, анын үстүнө күлтүктүн оозу тайып кеткен… Бир кызык болуп аралашып жатам.
Оо, бир убакта жеңем келди, боз ала чаң, кумсарып. Көрсө айттагандар: «Үйүңдө желмогуз бар экен, жүрө гүбүз түшүп өлүп кала жаздадык», – деп көкүтүп коюшуптур. Жеңем кирип келип эле сөөмөйүн ууртума салып, оозумду чоё баштады.
- Ии өлүгүңдү көрөйүн чүчөө! Ой, мен сени сүйлөбө дебедим беле куураган чүчөө! Башымды кыймылдатканда сөөмөйү тишиме илине түштү эле чайнап ийдим. Колун сууруп алып эки жаагымды ийлей баштады, мен эки бетимди алмак-салмак тосуп атам. Жеңем:
- Өлүк-тиригиңди гана көрөйүн чүчөө!
Мен:
- Ой энеңди гана… Ж… ап…
- Эмне дейт өлүгүңдү гана көрөйүн, о көтүңө көк баш чыксын.
- А сеникине ак баш чыксын!
Ал аялча, мен эркекче ашатып жатам.
- Талаада кал өлүгүңдү көрөйүн, бешиктен чыгарам!
- Чыгарсаң чыгара бер, мен да коркпойм! «Мына эмесе, мына эмесе» деп чечип атып:
- И-ий, өфф өлүгүңдү көрөйүн, – деп үстүмө жаба суу куюп, бир сыйра чайкап алып:
- Ме, мынабу шым болот, кийип ал, – деп шым дегенин ыргытты. Аны мен өмүрүмдө кийип көргөн эмесмин. Эл кашатынан кийсе, мен эки багалегинен кийе баштадым.
- Андай эмес, мындай кий, – деп жеңем кийгизип, ычкырын байлап туруп түртүп жиберди эле, а дегенде босогого бир тийип, эшикке сүйөнүп, эшикке чыгып кырчоону кармап, анан текилдеп жүгүрүп кеттим, жердигинен чыйрак окшойм. Ошентип жетимдик тиричилигим башталды.
Кара курсактын камынан башка кайгы жок. Түтүн аңдыйм да, коюулаганда кирип барам. Айлыбызда ашкан бай, башка чукак абышка, кемпир бар эле. Бешим ченде чаркарында бир улагын бакыртып мууздап атыптыр. Буйруса кечинде кошо жейт экенмин деп аңдып калдым. Адатымча түтүн коюлганда эле:
- Ассалаумаалейкум! – деп саламды чоё айтып кирип бардым. Кемпири:
- Иий, желмогуздай болгон өлүгүңдү көрөйүн! Ой, эмне келдиң?!
- Эт жейин деп келдим, сорпо ичейин деп келдим, – деп такылдап атам.
- Эт жебей балакет же! Сорпо ичпей мээнет ич! Өлүгүңдү көрөйүн.
- Ики, эттин эле өзүн жейм, сорпонун эле өзүн ичем… Абышкасынын жаны чыгып кетти окшойт:
- О желмогуз кейиптенген атаңдын оозун урайын, жогол, көзгө көрүнбөй! – деп таягын шилтеди эле эшикке чыга качтым.
- Кишиге жөн да тамак жедиртпейт! Өчүр отту, эртең менен жейбиз! – деп кемпири экөө жатып алышты, отту өчүрүшүп.
«Ушунун баарын силерге жедирип коюп кантип карап турайын» деп тигилер чала уйкуга киргенде үч мышык болуп мыёолой баштадым. Мышыктын атасы, апасы, баласы болуп…
Эшиктин керешкесинен мышыктай болуп дүп-дүп этип секирип түштүм. Абышкасы ойгонуп:
- Э кемпир, балээ баскыр, мышыктар жүрөт, ой, казанга түшүп кетпесин, турчу!
- Ой, казанга жалпак мис табакты кийгизе жаап, үстүнө капкак, анын үстүнө кесе-песелерди коюп койгом.
Эттин дайынын толук түшүнгөндөн кийин, капкакты үстүндөгү казан-аяктын дабышын билгизбес үчүн мышыкча «мыёо» деп улам алып атам, капкакты да ошентип алдым. Куураганда алиги жалпак мис табак чыкпайт. Мыёолоп тыягын тырмалайм, быягын тырмалайм. Айлам кеткенде эки муштумумду түйүп туруп табактын бир жак четин сүрө бастым эле, чекеси чекеме шак дей түштү. «Мыёо» деп барып жыгылып калдым. Жаным кыйналганда үнүм мышыктын үнүнө окшобой жоон чыгып кишинин үнүндөй болуп кетти.
- Иий өлүгүңдү көрөйүн! Эркек мышык окшойт, – деп тура баштады. Кийгеним жалаң этимде таар чепкен, белимди ууктун боосу менен курчанып алгам. Кемпир турганча эки, үч жиликти койнума салып ийдим. Ысык экен, териме жабышып калды. Кемпир таягы менен жер сыйпалатып келатат. Таягынын бир учу менин бөйрөгүмө тийип кача албай, анан, төрөлгөндөн бери алынбаган тырмагым менен, колумду таякты бойлото жылдырып барып мышыкча «чырр» дей түшүп колун апчып алдым да төр жакка өтө качтым. Кемпир бир бакырып алып коломтодогу көмүлгөн чокту чыгарып, куурайды тамыза баштады. Оң капшытты кемпир тосуп калды, ашкана жак менен качайын десем он эки карыш казан бар экен, андан өтө ала турган эмесмин. Акырын капкагын ачсам, төрт эли бөксө айран уютуп койгон экен, ошого түштүм. Капкакты алаканым менен таяп көтөрүп тик турам, ошондо айран толкуп улам оозума кирип атат. От жарык болгондо эле кемпир:
- Казандын капкагы да кыйшайып калганбы, – деп мен жакка басканда, айранга кирип кеттим. Кемпир нес болуп турса керек, ал капкакты алары менен «ааа!» деген боюнча чоюлуп барып кулап түштү, чалы жуурканга кире качты. Мен казандан секирип чыгып эле, үстүмөн айранды шорголотуп качып жөнөдүм, мени кууган иттер жолдо калды, сарыккан айранды жалап, жуктап. Эртеси келсем чоң мал союп түлөө өткөрүп атыптыр.
- Э, байбиче көрүмчү кандай көрүндү? – деп сурап атышат.
- Айланайындар… силер сурабагыла, мен айтпайын…
- Акылыңды токтотуп айтсаң эми.
Экилүү кемпир ого бетер онтоп:
- Айланайын… түн ортосунда турсам казандын капкагы кыйшайып калыптыр… ача салсам эле… ии, айланайын… эки көзү эки ушундай бар (колун аяктай кылып көрсөтүп), тили так ушундан наркыдай (оң колун сунуп, сол колун кекиртегине коюп) аппак… казандан чыгып учуп кетти! Мен алар менен дагы кардымды тойгузуп алдым.
- * *
Бой жетип жигит болгондон кийин Анжиян багытына жол алдым, иштеп оокат таап келейин деп. Базаркоргондун Акманында эки сартка кошулуп жоңгучка (беде) чаап, байлаштым. Бир ай иштегенден кийин, акы бөлүштүрүүгө келгенде иштегенимен ичкен-жегеним көп болуп кайра карыз болуп калдым. Айылдын четинде чөп алачыкта жашайт элек, күздүн аптап күнү. Үчөөбүздүн ортобузда жалгыз нан, «алың, алың» деп экөө ала албай атканда мен ала коюп нанды таз башыма сүртүп-сүртүп коюп койдум.
- Өлла! Ал, өзүң жең! – деп этегин кагынып тура качышты. Кайра келишип коркуратмасынан тартып:
- Бекназар акамиз юда ям кызыкчы киши, аа! – деп каткырып калышат. – Алма бугин тарбыз, каун апкелер экан, – деп деле күлүшөт. Мейли ушуларды бүгүн бир чычкактатайынчы деген ой менен күндүз коончуга бардым. Учурашкандан кийин дарбыз, коондорун көргөндө атча кошкуруп үркүп кеттим.
- Аа, нема болду?
- Өңү жаман экен, коркуп атам, мен оо аркадан, тоонун арасынан келдим, мындайды көргөн эмесмин, – деп итиреңдеп, селтилдеп атам.
- Ээ, кохмаң, кохмаң. Бул коондун сабагы.
- Ии, тамагы ушул турбайбы? Ушунусу менен суу ичеби?
- О паччагар, сабагы деяпмын. – Бир коонду союп:
- Бул даны…
- Ии жаны ушулбу? – Богогу болкулдаганча күлөт.
Коондон тойгончо жедим.
- Бакка юриң, – деп ээрчитип алды. Баратып кара чаар дарбызды көрүп үркүп кеттим.
- Э, аке! Бул чарала эмне? – Дагы аябай күлүп:
- Ол тарбыз.
- Муну эмне кылат?
- Ону адам йейди…
- Я апаа! Эй, бул адам жейби?! – деп коркуп, коончунун аркасына айлана качтым.
- Я паччагар, адам минтип йейади,– деп бычагы менен тиле баштады.
- Оой, кан агып атат! – деп ийдим. Ого бетер мени шылдыңдап күлүп, анан бир коон, бир дарбыз берди. Алып келгенден кийин эки сарт аябай жешти.
- Бекназар акамиз кечкурун ям тарбыз, каун апкелер экан, – дешип карк болуп атышат.
- Кечинде да апкелем, – дедим.
Кечинде дагы баягы коончунун аңызынын четине бардым. Түнкүсүн асманда Ай жарык. Арыктын жээгине энеден туума чечинип, шымымдын эки багелегин чырмоок менен байлап, багалекке коон, дарбыздардан салып, өзүм капкара ылайга оонап, бети-башыма да аябай шыбап, желмогуздай болуп, шымды куржундай кылып ийниме асынып келе жатсам, алиги коончу богогунун астын көрбөйт. Бир колунда таягы, бир колунда ити жулунуп келе жатат.
- «Ал, ал», – деп айдактап коёт, ит мени карай жулунуп ээсин дегдеңдетип сүйрөп келе жатат. Бир чоң дарбызга далдаланып шакка жата калдым. Ит аябай жулунуп жаныма жакын келгенде, эки колумду жогору сунуп, шарт тура калсам ити чалкасынан кетти. Коончу кошо кулады. Ошону менен качып алачыкка келсем, эки сарт кебетемден коркуп төргө өтө качты.
- Оо, коюң ээ, – деп үркүп болушпайт. – Нема булди Бекназар ака?!
- Э, кутурган ит менен алыштым.
- Э, кутурган итиңиз нима?
- Кутурган ит тиштеп алса адам мендей жылаңач болуп жүгүрүп калат.
- Оо, шарманда! Сизди тиштедиби?
- Мен тиштетпей кутулдум. Адамдар келип арачалап аман алып калды. Кана коондон алгыла.
Экөө дарбыз, коондон дагы аябай жешти, нан жок жалаң жеп атышат.
- Бекназар ака! Алиги итиңиз кайда кетти?
- Ушул эле арада болуш керек.
- А, шарманда! – Экөө корко баштады. Алачыкта коркуп жатып көздөрү илинип кеткен учурда, тескери карап «ррр» деп итти туурап койдум. Бирөө селт дей түшүп:
- Э алиги кеп капты! – Беркиси кыстала баштады.
- А, Бекназар ака! Бейшеп кылгым кепта… – Заарасы кыстаган окшойт.
- Эшикке чыкпа. Ит келсе жаман, алачыктан коё бере бер, – дедим.
Бир маалда беркиси:
- Бекназар ака! Меники «каттакана» келяпту. – Анын чоң заарасы келиптир.
- Э коё бере бер, эртең алачыкты которуп тигип алабыз, эшикке чыкпа, ит жаман, – дедим. Татыратып эле коё берди. Алачык айылдын жанында эле, эшикке чыга калып эле:
- Мандикер сарттар алачыктын ичинде тил албай чычып атат, – деп үнүмдүн бардыгынча чарылдай кыйкырып жөнөдүм. Экөө качкан боюнча караңгылыкка кирип жоголду. Таң атканча аңдып жатсам келбеди. Бир топ буюмдарын, акчасын таштай качкан экен, аларды алып, эми айылга кетейин, чайканадан чай иче кетейин деп кайрылсам баягыл экөө бакырайып ошол жерде олтурушат. Шашып калдым. Самоорго, чайга жабылышып келаткандарга карап эле:
- Түндө эки сарт качырдым. Алачыкка килейтип чычып коюшуп жок, – дегенде алиги экөө жылып жөнөдү. Ошентип алардан кутулуп, араба жалдап түшүп Үч-Коргондун базарына келдим. Башымда жыргаган чачым жок. Сартарашканага (чачтарач) кирип баш кийимимди алып күзгүнүн алдындагы отургучка олтурсам чач алгыч сарт мени карап боору эзилгиче күлүп:
- Э бурадар, мунун нимасын аламан, – деп кайра күлөт.
- Сиз ала бериңиз, мен бүтүн баштуулардыкынан эки эсе көп төлөйм, бирок башымда сөөл бар, кесип алсаңыз өлүп калам, жаным ошол жерде, – деп кебете кешпиримди бузуп, теке болуп бакылдап койдум. Ал мага алаксып атканда күзгүдөн карап, сөөлгө устара жакындаганда башымды ийкеп ийсем, сөөл кесилип кан жаагыма куюла баштаганда, көзүмдү аңтарып кулап кеттим. Чач алгыч: «Ой даат», – деген боюнча үстүмөн аттай качты. Жоолуктун бир учуна түйүп ийнине арта салып койгон акчасы жерде жатат. Ал кетери менен «кур кетпейин» деп пулун чөнтөккө уруп койдум.
Базарлап бүтүп, Үч-Коргондун көпүрөсүнөн өтүп бара жатсам, алиги чач алгыч эки-үчөөнү ээрчитип келе жатат. Алар жакындаганда бир көзүмдү жумуп, оозумду кыйшайтып мала-кайымды баса кийип алсам, тегеренип эле мени карайт. Өзүм жинди кебетеленип:
- Нима карайсыз?! – десем, – йок, сиз эмас, сиз эмас, – деп басып кетти. Мен элдин арасына житип жоголдум.
- * *
Базардан айылдашым жолугуп, эми кетели деп гаргарга (бозоканага) кирдик. Мен жолдошума: «мен дудук болуп калайын, сен котормочу бол» дедим, ал чыйрак неме эле макул болду.
Кирип барып «па-па-па-па» деп баштык менен бозо сүзгөндү туурадым. Кемпир чочуп кетип:
- Иий өлүканаңды көрөйүн, дудуктан эле кыйын корком, – деп ийди.
- А-па-а-па, ап-ап-аппа! – өзүмдү муштумум менен төшүмө бир урдум.
- Ийи өлүгүңдү, эмне дейт?!
Жолдошум кемпирге:
- О кокуй тили сүйлөбөгөнү менен баарын билет тилдебеңиз, ачуусу жаман, – деди.
- И, мейли тилдебейин.
Анан мен:
- Аппай. Тап-тап, пүлүп… түлүү…
Кемпир:
- Эмне деп атат?
«Котормочум»:
- Мындай чоң аякка бозо куюп, талкандан минтип чалып ичем, – деп атат.
- Ии мейли, талкан деле бар. Ошол чоң кара аяк менен шашпай отуруп үчтү талкан чалып ичтим. Тойгондон кийин кемпирге карап, башбармагымды сөөмөйдүн ортонумдун ортосуна киргизип:
- Апа-апа, пишш олло, – деп бата бердим.
- Эмне деп атат?
- Кыз төрөп алсын деп атат…
- Иий, өлө кал, эми кыз төрөмөк белем!
Мен кайра «апа-апа чишш алло», – деп сол колум менен оң колумдун чыканагын кармап муштумумду түйүп, башын кыймылдатып койдум.
- Эмне дейт?
«Котормочум»:
- Анда эркек төрөп ал деп атат.
Кемпирдин ачуусу келип:
- Дудук болгон өлүгүңө отурайын, мени карыганда төрөп ал деп шылдыңдаганын кара! Батаң башыңда калсын!
Адегенде колумду тапанча кылып «па-па-па-па» деп сөөмөйүмдү кезедим.
Кемпир:
- Пулун төлө! – деп дагы долуланды.
- Ээй папа кыхх, – деп мойнумду «мууздап» көрсөттүм. Ага да болбойт. Мен аябай ачууланып, сол колумдун сөөмөйү менен баш бармагымды тегерек кылып оң колумдун сөөмөйү менен «тегеректи» чукулап:
- Ээй. Пыйп, пыйп! – дедим эле, – эй өлүканаңды көрөйүн албайм пулуңду, – деп төргө өтө качты. Биз кетип калдык.
ЭШМАМБЕТ
(1900-жылы туулган ардагер карыя,
Токтогул шаарчасынын тургуну Малгара уулу
Эсенкулдун айтып бергени)
- Эшмамбетти 1929-жылы март айы ченде ырдаттым. Көңүлү сүйгөн жерге нөшөр төгүп, кыян каптагандай ырдайт эле. Үнү да бийик, укканды уютуп салчу. Чоңкодогу Кадыраалы байдын Кара дегенинин кызын алган.
Эшмамбет 1929-жылы жай башына чейин төшөктө жатып калат. «Ак ичсе оңолуп кетээр» дешип кайындары жайлоого көчүрүп алышат. Ошондон ай өтпөй «Капка» деген жерде Эшмамбет каза болот. Жаңыбай манасчы айтаар эле:
«Эшмамбет өлдү» деген кабарды угарым менен эле сары кунаным бар эле, токунуп шаша жөнөдүм, чыдап туралбай. Сыдыктын супасында күтүп турдук. Эшмамбетке эл кандай чогулса, мен өлгөндө деле эл мага ошондой чогулат деп ойлодум. Байгазы болуш «Эшмамбетти бала кезинен ырдатып жүрдүм эле, кийин чоңколорго (кайынжурту) катуу ооп кетти» деп коёр эле.
Өлүккө Көкүмбай уругу көп катышпай калгандыгы ошол себептүү болуу керек, Байгазынын уругу Көкүмбай.
Эшмамбеттин өлүгүн Кадыраалы бай баштаган кайындары атка жүктөп алып келди жайлоодон жакага. Эшмамбетти коёрдо көрүнө кулап түшүп минтип коштум дечү Жаңыбай:
– Чакырдан келген мен элем, Колпочтон келген сен элең. Кайран башың барында,
Кайсы акындан кем элең.
Айтканда ырың чубурган.
Абаның,
Ат чабым жерден угулган. Акындардын ичинде, Аккула элең жулунган.
Капкадан жаның үзүлдү.
Кап, көрбөдүм жүзүңдү.
Тумчугуп жаның үзүлдү.
Тууганың көрбөй жүзүңдү.
Кадырлап ойдон тоскон жок, Катының мендей кошкон жок. Жакшылар ойдон тоскон жок, Жакының мендей кошкон жок. Каруу болор камчың жок, Карап турсаң артың жок.
Теңирдин кылган буйругу,
Туулган жерден буйрубай
Турпагыңы
Турган жерден буйурду.
Эми Эшмамбеттин кемпири жөнүндө: Коңурөгүз айылында Мамаша деген карыя болгон. Өзү сөзмөр, чечен, өрөөнгө дайындуу киши эле. Жаш кезимде анын Эшмамбет жөнүндө айтканын укканым бар эле.
- Эшмамбет мага түспөлдөш, сакалы менин сакалымдан дагы бир карыш ашыгыраак, узун бойлуу, толмоч киши болчу, – деген. Мамаша да толук, тегерек бет, кереге сакал, өзүнүн айтымы боюнча сакалынын узундугу бир карыш, төрт эли. Эл «чоң сакал Мамаша» дешчү. 1968жылы Эшмамбеттин сүрөтү деп Мамашанын сүрөтү ушул «Ала Тоо» журналына чыгып кеткени бар.
Корголдун айтуусу боюнча: Эшмамбет бойлураак, толук, кара сур өңдүү, айры сакал, көтөрүңкү жүргөн, үстөмөндөтүп ырдаган, үнүнүн бийиктиги «челек радиодой», сакалы ычкыр кашатынан өтүп турчу, атчан ырдаганда шамалга эки бөлүнүп желкесине чыгып текенин тик мүйүзүндөй болуп калар эле. Жөн турганда сакалы төшү менен ичин жаап турчу.
КОРГОЛ
1956-жылы февралда айылдашым Алтымыш деген ырчы: «Сени Корголго учураштырып келейин» дегенинен улам ээрчип Токтогул районуна келдим. Чай ичип алалы деп чайканага кирсек, Коргол ошол жерде ырдап отурган экен. Биз кире бериште олтуруп калдык. Эл көп. Коргол төр тарапта ырдап атат:
- Айры жаак ача тилимди, Агайин уккун үнүмдү. Коңгуроо добуш, кош кайрык, Комуздан чыккан күүмдү. Эки башка караган, Эбинен тайган көзүмдү. Эсил өмүр өтөрдө, Эл көрүп калсын өзүмдү. Улар таңшык, улама ыр, Угуп калсын сөзүмдү. Кайгырчу болдум ойлонуп, Кайран жаштык кезимди. Карчыгадай балалык,
Кайрылып келбейт шекилдүү. Кагылайын жаш чагым, Кандай эле жерге бекинди. Кумары кетти көзүмдүн, Курсанты кетти сөзүмдүн. Кулунчактай балалык, Куурагыр кайда бекиндиң. Кууган менен жеткирбей Куюгуп кетти шекилдүү.
Күнү-түнү сайраган Күкүк элем бир кезде. Күлүк элем таптаган Күдүргө чапса күн кечке. Күкүктөй үндөн ажырап
Күйпөйгөн чалмын бул кезде.
Топ жыйында сайраган Торгой элем бир кезде.
Тобурчак элем талбаган Торпуга чапса күн кечке. Торгойдой үндөн ажырап Топудай чалмын бул кезде.
Кардай чачым ак болду, Кайран өмүр сап болду. Карышкыр көргөн эчкидей, Карганда жаным сак болду. Карк алтын кетип башымдан Картөшкө салган кап болду.
Ок тийген турна баштанып Арбандатты карылык. Арыктаган текедей Тарбаңдатты карылык. Калтардан бермет жүн кетти, Калыбы тайып тил кетти. Катып калган карылык «Калжаңдабай олтур» деп, Кемпириме тилдетти. Белимден кубат күч качты, Бетимди сакал түк басты.
Мөңкүгөн менен түшпөгөн,
Мага бир,
Мүйүздүү балээ учкашты,
Акылы кетип баш калды, Агарып сакал, чач калды. Каалгасы жок тээк калды Кашка тиш түшүп ээк калды. Кемирейген чагымда
Келин-кыз кайдан кеп салды.
Чайканачы Кайназар деген киши:
- Ой оңбогон Коргол, дагы эле кыз-келин деп ырдайсың да, о ыйманың күйгүр…
- Ээй сакал-мурут болгону менен көкүрөк карыбайт турбайбы, келин-кыз деп ырдабаганда анан, кемпир деп ырдамак белем, – дегенде эл дуу күлүп жиберди. Себеби, алиги чайханачынын сакал-муруту жердигинен жок, көсөө киши экен.
Мен ойлодум: «Балээ басып Алтымыш барып мен жөнүндө айтса, анан ал ырда десе канттим? Кой, ушунча элдин алдында жаңылып кетип шылдың болбоюн, Корголдун үйүнө барып жалгыз олтурганда деле учурашып алармын», – деп сыртка качып чыктым. Алтымыш артыман кууп жетип:
- Ой, сен айбансыңбы? Атайын келгенден кийин учурашып ырдабайсыңбы. Коргол сени жыга чаап же кулагыңды кесип алмак беле, – деп мени дегдеңдетип жетелеп алып барды да, Корголдун маңдайына олтургузуп:
- Ата, баягы мен айткан бала ушул, сизге атайын учурашам деп келди, – дебеспи.
Коргол мага карап:
- Ырдай бер чырагым, – деди. Мен «Ассалоумалейкум» деп бир кыйкырып алып, ары сөз таппай олтуруп калдым. Эл күлүп жиберишти. Бир киши (1987-жылы элүү жаштыгыма карата концерт коюп Токтогул районунун Торкен айлына барсак Добулбек деген карыя үйүнө чакырып: «Сен баягы Корголго учурашканда элди тыйган мен болчумун» деди, ошол жылы 80 жашта экен):
- Ээй, эмне күлөсүңөр, жаш бала турбайбы, сүрдөп жатат да, – анан мага карап, – тартынба, тартынсаң ырчы болбойсуң, тобокел деп башта, – дегенде учурашып турган жерим:
- Ассалоумалейкум Акын ата аманбы.
Алды менен өзүңө Айтайын ырдан саламды.
Айылдаш бирге жүрсөм да, Атак-даңкың билсем да, Азыр көрдүм караанды.
Ээрчитип жүргөн киши жок, Эч кимдин менде иши жок, Азыр эки көзүм караңгы.
Бакайдай болгон карысыз, Байкаарсыз алы-чамамды.
Ырчылык жолго саларсыз, Ыгы келсе чабарсыз Ышкыбоз мендей балаңды.
«Бутакка конуп сайраган,
Булбулдай үнү талбаган,
Атамды көрсөм экен» – деп Ар убак бургам санаамды.
Элдир-селдир ырчымын, Эрмек болуп турчумун, Ээрчисем сизди жагамбы?! Кандай ырдан баштаймын, Кантип сөздү аштаймын? Ала качма чала сөз Арак ичкен мастаймын. Ал-кубатым аябайм, Айтыш десе качпаймын. Карылардан кеп угам,
Кара жаак далай акынга, Каяша айткан деп угам.
Токтогул, Эшмамбет менен Топто ырдап жүргөн деп угам. Ыр издеген баламын, Ыгы келсе табамын.
Арасында шерикмин,
Алтымыш, Кади аганын Өөрчүүр бекен жамагым.
Өзүмдүн атым Тууганбай.
Өйүзгү ничке жерденмин. Өңүңүздү көрсөм деп, Өзүңүзгө келгенмин. Алайын деп үйрөтсө
Акындыктын өрнөгүн.
Коргол акын ачуусу келген кишидей караган сүрдүү адам экен. Комузун алып мага карата ырдаганы:
– Амансыңбы жабагым,
Сөзүн ук мендей абаңын.
Айтышып жүрүп көп көрдүм, Акындардын далайын. Каалап турсаң сен үчүн, Карегим чукуп алайын. Жарым кубат жалгыз көз Эминесин аяйын.
Амандашып келем деп,
Алты ооз ырын белендеп, Аркы өйүздөн бул жакка Басып келген турбайбы.
Коргол атам мында деп,
Кой тоскоолдук кылба деп,
Катар жүргөн жолдошу
Кармаса болбой шашылып Качып келген турбайбы.
Эгерде андай болбосо, Эңишке түшкөн немедей Энтигип да киши ырдайбы. Эңсеп келсең айылга
Ээрчип жүргүн жанымда.
Калбай жүргүн жанымда. Баштап ырга кирипсиң Балапан түлөк чагыңда. Алып кал балам сөзүмдү Ала кетпейм карынга.
Суунун көркү шарында,
Бадалдын көркү шагында, Балтанын күчү сабында.
Бал кошкондой сөз айтып Барган жерде жаңы ырда. Бучкакка төөнү чапкандай Буйдалбастан шар ырда.
Оймоктой оозуң шок болсо,
Оюңда ырың жок болсо, Көпчүлүккө жакпасаң, Көрөңгөңө таарын да.
Отурган жерде Айдай бол, Оозго салган майдай бол.
Жумшактыгы пейлиңдин Жалма жибек шайыдай бол. Жакпай турган кишиге Жер жуткан Карынбайдай бол. Торгой эле таңшыган, Токомдун жүрүп артынан. Эки эли тили таңшыган, Эшмамбеттин артынан.
Жар салган акын мен элем, Кайсы акындан кем элем Жамааттуу тууган калкыман.
Торгоюм Током барында, Томпоюп жүрдүм жанында.
Он жети жыл ээрчидим,
Оозунда ырдан телчидим Оймоктой бала чагымда. Күнү-түнү талбаган Күлүктөй болуп табында. Бир балээси бар эле, Билгизип турган жаагында. Баса алган эмес өнөрүн, Падыша менен ханың да. Буладай кара сакалы, Букарга кеткен макалы. Калтардай кара сакалы, Кашкарга кеткен макалы. Эки карыш сакалы, Элде айтылган макалы. Эки ооз айтып эскерем, Эшмамбет акын атаңы.
Ак бозду миңген базардан Айжанда көөнүң жашарган. Айтышам деген акындар, Айдалып калчу катардан.
О десе сөзү чубурган, Оозунан кумдай куюлган. А десе үнү кайрандын Ат чабым жерге угулган.
Каркылдап турчу катарда Кармашар акын аз эле Каяша айтып батарга.
Каралашаар тууган жок,
Кадыр сөзүн кууган жок, Кара жаак, кайран эр Калды го Ак Жар мазарда.
Өмүр деген шекерсиң, Өтөрсүң да кетерсиң. Өмүрүң келбейт кайрылып Өткөндөн кийин бекерсиң.
Адырга чыккан мекерим,
Бир кезде, Ак таңдай акын экемин. Аралап топко барганда Акчу эле ооздон шекерим. Андагыдай боло албай
Арып калган кезегим.
Алып кал балам сөзүмдү, Бир күнү,
Айлымдан жылып кетемин.
Күңгөйгө чыккан мекерим, Бир кезде, Көк таңдай акын экемин. Көпчүлүктү көргөндө Куюлчу ооздон шекерим. Кайран жаштык күн кетип Карып калган кезегим.
Кармап кал балам сөзүмдү
Бир күнү, Калкымдан жылып кетемин.
СУР БАЙТАЛ ЧАКЫРЫГЫ
Коргол акын ар дайым көпчүлүктүн ичинде жүрөр эле. Бир күнү мал базарга барып калат. Ошол учурда Сүйүнаалы деген жигиттин минип жүргөн суркашка байталы жоголуп кетип, Корголго жар чакыртат. Кокем ошондо:
– Сур кашка байтал жаныбар, Суусардай болгон жалы бар. Кулагынын учунда Күйүп турган шамы бар. Маңдайында агы бар, Жонунда жоордун тагы бар. Куйругунун астында
Жалынан чылбыр эше элек,
Жаман сууну кече элек, Жанараакта жоголду, Жабырга түшүп кете элек. Жарым пулун аласың,
Жаныма келсең жетелеп.
Кудум карыш калы бар. Жоош эле жаныбар, Жолуккандын багы бар. Кылынан чылбыр эше элек, Кыйын сууну кече элек. Эртең менен жоголду Эки жакка кете элек. Эки жүз сом аласың, Ээсине келсең жетелеп.
Жашы чыкты кунанга
Жакшылап угуп ынан да
Сүйүнаалыга апкелип,
Сүйүнчү алып кубан да, Сорпосуна кызыгып, Союп алсаң убал да.
ТЕР ЖАЙЛАКТАГЫ ТАМАША
(Корголдун айтып бергени)
Райымбек дегенге аш берип, Кетмен-Төбө, Аксыдагы ырчы, комузчу-өнөрпоздордун баары барганбыз. Башында Токтогул, Эшмамбет баштап атчан катар туруп бир сыйра ырдаганча эле бир саат болуп калат.
Керимбай болуш бастырып бараткан экен, мени чакырып:
- Эй, бу «жаман ит эшикке үйүр» деп, башка да эл бар, тетиги боз үй чүйлүк Осоке бийдики, Кашымкан деген он алты жашта катыны бар экен, ошону ырда, бизден алып олтуруп деле мүйүзүңөр чыккан жок, – деп ыңгыранып бастырып кетти.
Барса барып көрөйүнчү деп, Осоке бийдикин карай бастырдым.
Токтогул менен Эшмамбет байкап турганын билип калдым. Үйүндө экөөнөн башка ким болмок эле деген ой менен аттан түшүп, комузга үнүмдү кошуп ырдайын деп күүлөнө баштаганымда Кашымкан эшикти ачып, мени көрө салып эле үйгө кире качты. Мен аны көргөндө кыйшык көзүм менен түз көзүм андан өтүп кетсе керек, «эшикте бир киши мени карап эле көзүн аңтарып атат» деген сөзүн угуп калдым. Акырын жабык баштан шыкааласам Кашымкан Осоке бийдин бир тизесинен бир тизесине секирип, кудум атасына эркелеген кыздай сакалын уйпалап ойноп олтурат. Үйдүн сыртынан ырдай баштадым. Осоке алтымыш үчтө экен. Ырдап кирдим:
- Ак кайың кара тал болду, Ак марал колдо мал болду.
Алтымыш ашып Осоке, Алганың Кашымкан болду.
Куланөөк аткан таң болду.
Куюндай арты чаң болду.
Куудай сакал агында, Куушуп ойноп жаныңда, Курдашың Кашымкан болду.
Кара ойдун ичи кар болду,
Кашаттын асты жар болду.
Карылык каршы жетерде,
Кайран жаның кетерде,
Каран кал дүйнө курусун, Кашымкан сага пар болду.
Током менен Эшмамбет окчунураак атчан турат эле.
Токтогул
- Балам Коргол билбейсиң, Баш аламан сүйлөйсүң.
Пери кыздай буралган,
Береги
Кашымканды ким дейсиң?
Эшмамбет
- Иним Коргол билбейсиң, Илбээриңки сүйлөйсүң.
Илбээсиндей келбети
Береги
Кашымканды ким дейсиң?
Токтогул
- «Алам» деп жемин айланган,
Осоке,
Ак шумкар көктө айланган.
Аргасыз качар жагы жок,
Кашымкан,
Ак кептер буту байланган.
Эшмамбет
- Көргөндө жемин айланган,
Осоке,
Көңүлү тынып жайланган.
«Көр дүйнө» деген курусун,
Кашымкан,
Көгүчкөн буту байланган.
Токтогул
- Казанда суудай кайнаган, Карасаң туюк айланаң.
Капаста калган кекилик,
Кашымкан,
Какылдап тынбай сайраган.
Эшмамбет
- Кайгыртып ичтен кайлаган, Кайран күн келбейт кайрадан.
Кашымкан,
Капаста калган бөдөнө, Карагат көзү жайнаган.
Токтогул
- Кымызга кошкон шекерсиң, Кыйыткан кепти сезерсиң. Кымызың кермек Кашымкан, Кыйналып жүрүп өтөрсүң.
Эшмамбет
- Саамалга кошкон шекерсиң, Санаада кепти сезерсиң.
Саамалың кермек Кашымкан, Саргайып жүрүп өтөрсүн, –
дегенде Токомо жакын тууган Кулуке ырчынын салмагы да эки жүз килодой бар эле. Турмушунда ат көтөрө албай, бука минип жүрүп өттү. Башы уктаганда эле кыймылдачу эмес, калган убакта калтырап турар эле, ошондуктан «Кулуке калтыр баш» дечүбүз. Ырчылар менен айтышканда жеңилип баратса жанындагысын баса калып уруп жиберчү. Аттын үстүнөн деле жыга тартып уруп ийчү. Көбү коркуп айтышчу эмес. Уят ырды деле айтып ийчү. Үнү да долдурак, анан, Кудай менен урушчу. «Эшекке берген үндөн мага неге бербейт» деп. Током менен Эшмамбеттин жанына Кулуке кирип келип:
Экөөң, айтышканда нетесиң,
Адырга чыккан жекенсиң,
Ырдап турган ырчынын
Кашымкан,
Катыны болор бекенсиң, – деп ийди.
Током: «Э, кудай урган э, баарын бүлдүргөн кудай урган», – деп наалып атын моюнга чаап тарта бастырды. Ошол убакта Кетмен-Төбөдө «Аллоуакбар, Кулукедей ырчы бол» деген макал тарап кеткен. Эшмамбет Кулукеге карата:
- Эл оозунда айтылып, Макал болдуң Кулуке.
Ээктеги кыркылган, Сакал болдуң Кулуке, –дегенде, Кулуке Эшмамбетке:
- О, эл оозунда айтылган, Өзүңдү урдум Эшмамбет.
Эбир-жебир айтылган,
Кебиңди урдум Эшмамбет, Макалыңды урайын. Ээгиңдеги саксайган Сакалыңды урайын.
Эл оозунда айтылган Сөзүңдү урдум Эшмамбет.
Эткел аюу баштанган, Ээгиңдеги эки боо,
Чөбүңдү урдум Эшмамбет.
Током:
- О куураган калтыр баш. Ушул да ырбы, ушундай да ыр болобу? – деп ачууланып калды. Анда Кулуке:
- Эмнеге сөзүм укпайсың, Эшмамбетке ыктайсың.
Биртке бүткөн жаның бар,
Бир муштумдан чыкпайсың
Ачуум менен бир койсом,
Алты күнү уктайсың. Алты жыл шыбыр барганда, Алла Кудай дегенсиң. Апта күн ачка калганда Аюунун этин жегенсиң. Тогуз жылда кутулуп, Тобо Кудай дегенсиң. Тогуз күн ачка калганда, Доңуздун этин жегенсиң. Ээн талаада келатып, Эгеме шүгүр дегенсиң.
Эки күн ачка калганда Эшектин этин жегенсиң.
Ак шыбакты токту жейт,
Айткан Током бокту жейт, –деп ачууланып алыптыр. Аңгычакты нары жактан кара кашка аргымак минген, кара көрпө тебетей кийген адам жандап келе жаткандарына карап сүйлөсө баары эле каткырат. Кудай ур, Байзак дегени ушул болсо «Бийдин үйүнүн жанында эмнеге тополоң салып жатасыңар» деп көгөнгө байлатып, жигиттерине урдуруп ийбесин деген ой менен Шадыкан ырчы экөөбүз ат тушамыш болуп олтура калдык. Бирок алиги манап дегенибиз бизди карай минтип ырдап кирди:
– Оо, Түнкатар, түнтөй журт экен,
Булардын,
Түтүнү сайын ырчы экен. Түтүндөн киши өткөрбөй, Түрүлүп үрүп турчу экен. Түтүнгө менден башка ырчы жок, Түбүндө Жумгал тынч экен.
Асты эле саяк журт экен,
Булардын,
Айылы сайын ырчы экен. Айылдан киши өткөрбөй
Абылдап үрүп турчу экен.
Айлында,
Менден башка ырчы жок, Асты эле Жумгал тынч экен.
Осоке бийдин боз үйүн,
Ороп алган турбайбы, Отуздайы биригип, Тороп алган турбайбы.
Кишисинен ырчы көп, Ким көрүптүр мындайды. Бабыр, бабыр, бабырлар Бабыраган жабырлар.
Жатакчынын итиндей, Жабылышкан дабырлар. Аялдарын ээрчитип, Айылдашып дагы ырдаар. Жабалактап келгенин, Көрбөйсүңбү Осоке.
Жаакташтырбай буларды.
Бөлбөйсүңбү Осоке.
Жалгыз жарым сөөк болсо Талаштырбай иттерге Бербейсиңби Осоке!
Ырдап аткан кадимки Куйручук экен. Токтогул тырчыгансып турат. Эшмамбет обдулду эле, Током тыйып койгондой болду. Менин да жиним келип турду баарыбызды итке теңеп ырдаганына. Кулуке букасын минип булкунуп, ээ-жаа бербей жулкунуп:
– Казандагы кырмычык, Казып жедиң тырмышып. Калктын баарын ит дейсиң, Каңкылдаган Куйручук. Энең кырган кырмычык, Эңип жедиң тырмышып. Элдин баарын ит дейсиң, Энеңди… Куйручук.
Апаң кырган кырмычык,
Аңдып жедиң тырмышып.
Акындарды ит дебе, Аңылдаган Куйручук.
Дөөдүрөгөн Куйручук
Дөөгүрсүнүп сүйлөйсүң, Дөбө жакты аңдыган, Дөбөт болуп жүрбөгүн.
Каңкылдаган Куйручук, Какшык айтып сүйлөдүң.
Кашат жакты аңдыган, Канчык болуп жүрбөгүн,–
деп быягын уят сөз менен шалпып ийди. Күлбөгөн жан жок. Куйручук качып жүрөт, Кулуке букасын теминип, демитип кубалап алды. Куйручук:
- Токо! Мунуңду кой де, мунуң ырчы деле эмес, мээси башына чачыраган акмак экен, Токо, кой де. Осоке бий буга бир ат бербесең басылбайт. Током Кулукени:
- Болду эми Калтырбаш, – дегенде:
- Анан ушунуку туурабы, кара баштуу адамды итке теңейт, айланайын Токо, кичине коё турсаң эки бутун бир гөлөшүнө тыгат элем, – деп ачууланып алыптыр, башын калтыратып. Токтогул менен Куйручук бир чети дос, экинчиден, катуу ойногон азилкечтер экен.
* * *
Токтогул, Ныязаалы, Кулуке, мен болуп жол жүрүп бара жатып, Заркентте дар ойнотуп, тамаша куруп жаткандарга туш келдик. Бети-башын чамбыл-ала боёгон маскарапостору элди күлдүрүп жүрөт. Берки четте өзбек, кыргыз болуп байге сайып, балбан күрөштүрүп атышат. Буту буура санданган, алагар көз, бейкасам чапандын эки өңүрүн эки капталга «шилеп» салган, төшүндө төрт байпактык жүнү бар жоон өзбек, күрөшкө чыккан эле кыргызды көтөрүп уруп жатат. Анын тарабындагылардын сүрөөнү күчөп, кыргыздар тарабын аския-шылдыңга алып, күлкүгө тебелеп жатышат. Кулуке калтырбаштын ачуусу келип:
- Атаңдын оозун урайын чөп көчүк кыргыздар, балбандары убадалашып алгансып баары катары менен жыгылат! Келе Токо насыбайыңдан, күрөшкө мен түшөм, – деп калды. Током чакчасын берип:
- Ой Калтырбаш, тетигил балбан сени оңдурабы, чычыркайыңды чыгара чаппайбы, – дегенде Кулуке:
- Мен өлсөм кунумду куубай эле кой, шыбырчы, – деп насыбайдан алаканына толтуруп, ээгине уруп жиберип эле, чепкенин чечип ыргытып, букадай жер чапчып өкүрүп, балбанды карай жөнөдү. Өзбек балбандын көзү чанагынан чыгып, элеңдеп, сактана баштады. Кулуке улам ыкыс берип, эки-үч мертебе тегерене тооруп, бир маалда чап эле жабышты. Кулуке өзбек балбандын көзүнө насыбайды байкатпай бүркүп жиберген экен, ал жанталашып көзүн басып атканда, буттан чалып уруп башынан аттап кетти. Кыргыздар Кулукени көтөрүп кетти, бирок эл жаатташып чатак башталды. Биринчиден, алардын күрөш салтында чалма жок, экинчиден, эмне үчүн баштан аттайт, үчүнчүдөн көзүнө насыбай бүрктү дешсе, кыргыздар: «Көзүн өзү кайтарып албайбы», – дешип моюн беришпейт. Кыскасы, эки эл тартышып калды. Биз ал жерден Кулукеге карабай качып жөнөдүк. Ныязаалы:
- Ой Кулукени таштап коёбузбу?
Током:
- Э Кулукени Кудай албайт, эки элди чабыштырган ойну менен жерге кирсин, ал жетип келет, жүр кеттик, – деди.
Биз узагандан кийин букасын адыраңдатып, баарыбызды жалпы жонубуздан сөгүп, Кулуке келатат башын калтылдатып.
- Ой токтогула, жетсем өлөсүңөр! – дейт сөгүнүп. Ал жете келгенден кийин Током:
- Өнөрүң менен кара жерге кир, баарыбызды уят кылдың, – деп тилдеп ийди, жүрүп олтуруп кызыл жардын этегине жете келдик.
Күн кечтеп калды, маакул десе тээтигил үйгө баш баанектеп жатып калалы деп жалгыз үйгө кайрылып салам айттык. Үйдүн ээси:
- Айланайындар, силерди Кудай айдап жеткирдиби, – деп түшүрүп, – суусап калышкандыр чалаптан алып чык, калганын да көрө жатарбыз, – деп бапыраңдап. Үйдүн ээсинин аты Жакып, аялынын аты Жийде экен. Чалапты он бир, он экилердеги кыз сунуп калды, баарыбыз ичтик, Кулукеге сунду эле, анын башы калтылдап атса, «ичпейм» деп аткан турбайбы деп кичинекей кыз сунган аякты кайра тартып алды эле:
- Келе чалапты, ичем эле, кичинемде аттан жыгылганда чыкыйым менен тийип, ушинтип башым калтылдап калган, – деп ичип ийди. Жайланышкандан кийин Током:
- Жакыбым, жака белиңде айыл жок, жалгыз түтүн жатакчы болоюн деген экенсиң.
- Токо, кайдан антейин, жалгыз эркек, жалгыз кыз, ошонун жалгыз эркегинен ажырап олтурган байкушпуз. Он жашында ойрон болуп калды, аты Зарлык эле. Кыркын берип анан кыр ашалы деп олтурганыбыз.
Аялы өзүнөн көп жаш кичүүдөй. Бечара бышактап ыйлап олтурат. Жаранын оозун чукуп алганга ыңгайсыздана түшкөн Током комузун алып:
- Туяк калар бекен деп, Зарлаганда көргөнүң. Мазардан мазар кыдырып, Тандаганда көргөнүң. Жаратканың тилекти Жалгаганда көргөнүң. Жалп дей түшкөн турбайбы, Жалгап берген эрмегиң.
Жалындап күйүп турасың. Жанбай калып эмгегиң.
Жалгызынан айрылып, Мен да Жалындаган пендемин. Айласы жок иш экен, Аргасыздан көнгөмүн.
Жыттасаң кумар канарың,
Жылтырап күйгөн панарың.
Алдыңдан тосуп жүгүрүп, Аталап атың аларың.
Атанын изин өчүрбөй Артында калчу карааның. Кайраты ашык эр болсо, Кармашта камчы чабарың. Өзөгүң менен бир бүткөн, Өзүңө жакшы санаарың. Айтылып калчу урааның, Аталап сыйлап турарың.
Кош айтышсаң дүйнөдөн, Кокуйлап ыйлап турарың. Ары жок ажал сермептир, Ашырбай ондон курагын.
Кайрылбай эми каралдың.
Баарыбыз жашып олтурдук. Кара жер кылган турагың. Азыр да уучуң кур эмес, Аманын кыздын сурагын. Жашытып айтсам кеп менен, Жалгандан кимдер кетпеген.
Абалтан ажал зор экен.
Ааламды каптап, тепсеген. Ал тургай алптын алпы да, Ажалга алы жетпеген.
Алары келип калганда
Ар кимди көргө кептеген.
Дүрмөтү тийсе баары бир.
Дүйнөдөн кимдер көчпөгөн.
Ошентип, Каарына алса шум ажал, Карегиң барбы өчпөгөн. Тарпырган кайгы көңүлгө, Таарынба өлүм жөнүндө. Тапканын кеткен жетелеп, Тараза болбойт өлүмдө. Баарыбыз, мына кайгырдык Балаңды угуп төрүңдө.
Жаткан жери жай болсун, Топурагы май болсун, Жаннат болсун көрүндө. Кызыңдын тиле өмүрүн.
Кур койбос дагы Теңирим, Жалгасын Кудай этегин, Жаш экен өмүр шеригиң. Кападан адам кайгырат, Кайгырса күчтөн айрылат. Ансайын улам кемитип,
Акылдан күчтөн тайдырат.
- Бу куураган Кудай колунан келип тургандан кийин, ушуларды боздотпой он-ондон жыйырма баланы карматып бербейби? – деп Кулуке ачууланып алыптыр.
* * *
Токтогулдун дастан, термелеринин арасында элди күлдүрө турган чыгармалары да көп эле. Алардын бири «Сокубаш мерген». Азан чакырып койгон аты башка экен. Бирок башы коондой сүйрү болгондуктан аялы «Сокубаш мерген» деп тергеп жүрүп, ошол атка кондуруп ийиптир.
Көл жээгинде жашап, өрдөк, каз атып күн көргөн мерген, бардык паренделерди үркүтүп качырып алып, оокаты начарлай баштайт. Чийедей балдары бар. Ошентип өп-чап жашап жаткан күндөрдүн биринде көлгө бир ак куу келип конуп калат. Байкуш мерген милтеси түгөнүп калып, ак кууну көргөндө шашылып жалгыз жуурканын айрып жиберип кебезин чубап, милте түтөтүп, ийри мылтыгы менен өңүп жөнөйт:
- Айланайын Кудайым, Ак бараңды сунайын.
Анык ак куу сен болсоң
Атып мойнун жулайын. Кагылайын Кудайым, Кара мылтык сунайын.
Казыр сени буйруса,
Кармап мойнуң жулайын
Иллалай, иллалай, – деп бөкчөңдөп барып, өңүткө жеткенде, машааны басып калат. (Мылтыгы ийри болгондуктан, мисалы ак кууну атыш үчүн ошонун катарындагы нерсеге болжоп шыкаалайт экен). Мылтыктын «тарс» деген үнүнөн кийин ак куунун канаты жайылып эле жатып калат. Мергендин албарс эмчек аялы сүйүнгөнүнөн:
– Атып эле салды дейт, Жатып эле калды дейт.
Иллалаай, иллалаай, Иллолаай, иллалаай –
деп жүгүрүп жөнөйт. Эки эмчеги ийнинен артыла түшүп, секирип-секирип көлдүн жээгине жетип барып, эми кармайын дегенде ак куу эсин жыйып, нараак сүзүп барып, анан учуп кетет. Мергендин аялынын тили да тантык экен, күйөөсүнө жини келип, «көзгө» дегенди так айта албай, «тим эле көткө атай мейген туйбайсыңбы» деп жини келип туруп калат. Аңгычакты жээктеги камыштын түбүндө жаткан эки жумурткасын көрүп алып, «эки эле мындайы калптыый» деп мергенге эки муштумун көргөзөт дейт…
ТОКТОГУЛ МЕНЕН КОРГОЛДУН АЙТЫШЫ
Коргол айтчу эле:
- Илгери Тегенеде Айтмырза дегендин ашы болуп, Токтобектеги[1] мага кабар келип, барып калдым. Токтогулга кабар мурун жетип, бирок кийин келди. Ошондо, (аттарын айтпайлы) «ошолор» мага:
- Сен Токтогул менен айтыш. Жеңсең «Токтогулду жеңди» деген атагың калат деп сүрөөнгө алышты.
- Устатыма таш уруп ажына болуптурмунбу, тезегиңерди жөндөп жегиле деп, – туруп баратсам:
- О көзүңдү… анда «кыркынчыдан» атып ал, – деп пыяла менен арак сунуп калды. Жоошуй түшүп тартып ийдим, мурунтан ичип үйрөнүп алгам. Аракты Олуя Атадан Таластык туугандар алып келип сатышчу. «Кыркынчы» (градусу) деп койчубуз. Мен дагы эки пыяла ичкенден кийин:
- Эй! Сен азыр элге абдан алынып калдың. Токтогул менен айтышсаң жеңесиң, жеңбесең мурдумду кесип берейин, – деп сүрөгөнүнө маашырланып Токомо тийише кетипмин:
- Айтмырзанын ашы деп, Айттырса кабар дайындап. Кечигип келдиң бул ашка Кез келген жерге дагы ырдап. Кардың тойбой жүрдүңбү Катындарча айылдап.
Сөөк аңдыган немедей Аштан-тойдон калбайсың. Балаң Коргол жол тосту,
Айтышмакка кандайсың?!
Ошондо топ жыйындын кашында Током атынын башын кекейте тартып селейе түштү, анан:
- О желкесинен тырыштыра кармаган сары мышык кебетеленген…
Уксун көрүм кулагың, Уксун деп айтып турамын.
Айыбыңды айтпасам, Ажатыңды ачпасам, Ансыз канбайт кумарың.
Үй турса сыртка жөнөгөн, Кой короого төрөгөн, Корголго кошуп бөлөгөн.
Куйруктан чыгар маалыңда Кудай, бир көзүңдү көөлөгөн Апаңа жетсин убалың.
Эшитсин көрүм кулагың, Эми да айтып турамын.
Эптеп багып ала албай,
Элден дары таба албай
Эшек көз,
Энеңе жетсин убалың. Түтүндөн начар ат минсең, Түз жериң, ага өр болот.
Арышын керип баса албай, Акканы кара тер болот.
Кудай кууратарда адамды Кулагы укпай кер болот.
Карысына таш урган,
Сендей, кара өзгөй акмак көр болот.
Тоону карай өр болот,
Тобосуна таш урган,
Сендей,
Торпок көз айбан көр болот.
Эңиштүү жерде өр болот,
Ээсин капкан тааныбай,
Сендей,
Эшек көз айбан көр болот.
Адырлуу жерде өр болот,
Атасына таш урган,
Сендей,
Айгыр көз айбан көр болот.
Уларлуу жерде өр болот.
Устатына таш урган,
Сендей,
Уй мүнөз айбан көр болот.
Коктулуу жерде өр болот,
Кожосуна таш урган,
Сендей,
Кочкор көз айбан көр болот.
Токтогул ырдаган сайын эл дуулдап күлөт, атымды башка бир чаап кайрылып качып жөнөдүм. Ат чарчаган жерден токтоп эт-бетимен кулап түштүм. Эс алып атты отко коюп, кездеме курдагы акчамды санасам төрт аттын пулу болгон экен.
Таңга маал туруп акчаны белендеп, атам Токтогулга берем деп айылга келсем, Жеңижок менен Токгогул дөбөдө олтурушкан экен. Атымдан түшүп, курумду мойнума салып, дөбөгө чыгып барып:
- Айланайын Токо, аз айып көп күнөөм болсо кечирип коюңуз, – деп мойнунан кучактап калдым. Аңгычакты жонум тарс-тарс дей түштү. Экинчи чапканда эски сары тонум айрылып кетти, Жеңижок:
- Ок көзүңдү… Кашак!!! Токтогул менен айтышкандан мен корком, а сен кайсы бетиң менен чыдап, кайсы оозуң менен айтыштың акмак! – деп туруп кетти. (Токтогул:
«Кой, Өтө турганда мен күү эле чертейин» дечү).
- Алдыңызга түшкөнүм болсун, акмактыгымды кечириңиз, – дедим. Алаканын тескери жайып: – Айтканың арыктан өтпөсүн, Арышың алыска кетпесин. Аш, тойго батпай, сарттын куураган чайканасында ырдап кал, аллоакбар, – деп басып кетти. Ошентип арактын «күчү» менен Токомдун каргышына калгам, – дечү Коргол.
[1] Токтобек – жердин аты.
ОСМОНКУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
1961-жылы Осмонкул акынды издеп үйүнө бардым.
- Атамды Ничкесууга Өмүркул байкем чакырып кетти, – деди бир жигит. Ал жигит Осмонкулдун уулу Белек экен. Мен келген жайымды айттым.
- Мынча келип калыптырсың, атама алып барып учураштырып келейин, – деп өзүнүн «Волга» машинасы менен Ничкесууга алып барды. Биз барганда Осоке жок болуп чыкты, дагы бир тууганы чакырып кетиптир. Эки саат чамасынан кийин келип калды. Белек:
- Ата, бул жигит атайы сизди издеп учурашайын деп келиптир. Ырчы экен, – деди.
- Ырчы болсо ырдап учурашсын, – деп кыңкайып жатып алды Осокем. Бир чети сүрдөп, бир чети келбей эле койбой деп ичимен өзүмдү-өзүм тилдеп, комузумду алып, тобокелге салып ырдап турганым:
Келбедиңиз күттүрүп, Кечтен бери карата. Көрсөм – десем көзүм төрт, Көөнүм, оюм самата.
Алтын жаак, жез таңдай
Амансызбы жан ата. Эргийт экен көңүлдөр, Эң жакынын самаса. Элеңдедим келсе деп, Эне күткөн балача. Элпек тилдүү, талыбас, Эсенсизби жан ата.
Сүйүнгөндөн азыраак, Сүрдөгөнсүп жатамын. Кубангандан бой эрип, Көрүп өңүн атанын.
Кара жаак, кайчы тил, Калк кумарын жазарым.
Желбес жорго, сартаман, Жез така урган атайын. Жорголосоң калбастан Жолуңуздан басайын. Жол көргөзсөң өзүмө, Жок деп неге качайын.
Тааныттырсам өзүмдү Туулуп өскөн жайымдан. Кепкорлору көп чыккан, Кетментөбө айылдан.
Курман акын жердеген, Кенен Ничке сайымдан. Жүрө-жүрө болсом деп Жүгүргөмүн тайымдан. Амандашып сыналгам, Акын Коргол шайырдан.
Ырдаганга үйрөнгөм, Ыгы менен жай, ылдам. Ырыскылуу журтума Ырчы болсом кайыл жан. Токтогулга жердешмин, Эшмамбетке элдешмин.
Калык, Курман ырдаган, Касиеттүү жерде өстүм. Канга сиңген жашымдан, Кайрымасы кербездин. Өнөрү күчтүү болбосо, Өлүмгө ким теңдешсин?!
Тиркелүүсүз түбөлүк Тизмесинде өлбөстүн. Таасын акын, тилиң бал, Тарбияңа көнбөс ким?! Таалим алсам өзүңдөн, Талашта жол бербесмин.
Коргол салам айт деди Акын Осон бабаңа.
Амандыгын сурагын, Алымкулдун жана да. Артисттердин ордосу, Кең Фрунзе калаада. Оорду менен ырдасаң, Орун болор сага да. Айтып сөзүн жиберди, Аман көрдүм силерди. Эсен көрдүм өңүңдү, Эшик менен төрүңдү. Агартам деп келгемин, Ата сиз деп көөнүмдү. Алп таланттуу чалкыган, Арген үндүү шаңшыган.
Ак таңдайлар чыгыптыр, Атпай кыргыз калкынан. Үлгүлөрүн алардын,
Үйрөнүптүр арты улам, Тарыхка окшоп Манасы, Турмуш салтын камтыган. Кожожаштар кошулуп, Кошо келген артынан.
Жаңыл Мырза, Сайкалдар, Аялдардын алпынан.
Чыгармалар жогорку, Чыкпайт эле калпынан. Бизге калган керээздер, Сизге окшогон жарчыдан. «Өздөштүрсөм экен» деп Кара жанды карч урам. Элден алып, элге айтып, Элпек тилим камчылан. Терип сөздү кынаган, Текке кетпес убарам. Таамай ойду такалбай Таап айтсам кубанам. Кээ бир кезде сөз таппай Кекечтенип какагам. Алабарман ырдатпай, Арылтсаңыз катадан. Тайгылбасын уруп бер, Тилге какчу такаңан.
– Оп баракелде, бул тайым улоороок окшойт, кичине үйрөтүп минбесе мөңкүп жыгып кеткидей, – деп Осокемдин ырдаганы:
Калкыма келсең чырагым, Каршы алып колум сунамын. Кадырлап айткан сөзүңө, Канагат кылып турамын.
Кузгунга чаппай куу ал деп Куштун да салат кыраанын. Канатыңды күүлөптүр Кара жаак Коргол ынагым. Карегим талып, көп көрбөй Каңырыш болду кулагым. Карылык келди башыма, Калкымдан бир күнү жыламын.
Кордукту салса шум ажал,
Койгун деп эмне кыламын. Таалайлуу тууган элиңдин, Таркатар кезиң кумарын.
Тай чабым жерге жүгүрбөй, Талашкын жолдун ыраагын.
Турмуштун жолу алыс жол, Тууганга, жатка калыс бол, Туурасын айтып түз жүрүп.
Таап ырда элдин ураанын. Баракелде балапан, Бал сөзүңдү жаратам.
Баарыбызды кубантып, Балкылдаттың жанатан. Өйдө-ылдыйлуу көп заман, Өткөн экен карасам. Кыйындардын тилин бууп, Кыйла тийген салакаң.
Жазуусу жок жаңшанып,
Жалпы журтка жар салып, Кара жаактуу чеченди эл, Кадырлашып каршы алып.
Уламалар уланып,
Уңгулуу ырга шакиртин, Улам келген сугарып.
Манаптарды ырчылар, Мактап койсо кубанып. Акмактыгын ырдасаң Айдап үйдөн чыгарып. Көк союлдан көз чыгып, Көйнөк канга чыланып. Көлөкөлүү көп заман, Көчтөй өттү чубалып. Көмөкөйүн кайраган, Көп булбулдар сайраган.
Жаактуудан Жаманкул, Жаштайында жайраган.
Жатып калган шордууга, Жаралбайт го кайран жан.
Айткан сөзү Токоңдун,
Ак келте, анты сай бараң. Торгойду да залимдер, Тозоктуу отко айдаган. Элпек тилдүү Эшмамбет, Элге атагы угулган.
«Ээ» дегенде сөздөрү, Ээ-жаа бербей чубурган. Эрки тийбей колуна Эл-жеринен куулган. Булбул экен таңшыган, Бир кылымда туулган.
Жел жетпеген Жеңижок. Жел кайыпка кубулган. Динчилердин доорунда, Динге тили буулган. Эркиндиктин таңы атып, Элге теңдик жаратып.
Эл шайырларын чогултуп, Эрксиз жүргөн жаны ачып. Алымкулду, Атайды, Айыл эңсеп самашып. Муса, Мукем, Шаршенди, Мындан бетер талашып.
Калык менен бир жүрдүм. Отуз беш жыл жанашып. Эчен түрлүү шайырлар, Эл ичинен уюштук.
Искусство жайынын Имаратын куруштук.
Опасыз жаш картайып, Оордубуздан жылыштык.
Керээз айтып кекейип, Кээбиз өлүп тыныштык. Эки заман эл көрдүм, Эки доорду тең көрдүм. Баштагы күн курусун, Бактымды басып сенделдим.
Эстен кетпейт көбүнчө,
Элге эркиндик келген күн.
Кырк жыл ашык кырдалым, Кыргыз элде ырдадым.
Кызык экен кечээки.
Кыл муруттуу жылдарым. Кайран жашты билбепмин, Кардай эрип жылганын. Карыганда кадырлап, Какпай сыйлайт уулдарым. Калкка кызмат кылууга, Казырынча туурдамын. Канткен менен кырсылдап, Каршы болот муундарым. Жетимиш үч жаштамын, Жезеттин белин ашкамын. Жеринен кайра куусам да Жеткирбейт го жаш чагым. Жергеме кызмат этемин, Жер өткөнчө капталым. Каалап келген экенсиң, Карып калган кезимде. Канат каксам күүлөнбөй, Талып калган кезимде. Таасын ырчы болмогуң, Талант менен өзүңдө. Көктүн көөнүн эритүү, Көрөңгөлүү сөзүңдө.
Түтүнү бар чогу жок,
Ырчылардын кээсинде.
Айткан менен сакталбайт. Акыл сөзүң мээсинде.
Эртең мененки ырыңды, «Элеп» көргүн кечинде. Эл чогулса жалтайлап, Эрмегинен бекинбе. Ырдагандан тартынып, Ырыскыңды кетирбе.
Ырыстуу элдин уулусуң Ыр болсун иштээр жумушуң.
Табийгат берген өнөргө,
Төп болсун жүрүш-турушуң. Өрнөгү менен ырчынын Өнөрү менен курусун.
«Азамат» десе атылба.
«Жамансың» десе жашынба. Абайла, сыйла дайыма, Аксакал турса кашыңда. Жамандап болбос нерсени, Жалакор болбо жашыңда. Көкүрөк уруп «мен» дебе, «Көп болсун талант элде» де. Иритип алат турмушуң, Ит кыялдуу желдеме.
Кошомат жагын ойлобо, Коштой жүр досуң, кордобо. Убакты желге учурбай, Улантып сөзүн формоло. Анча-мынча атаңдан, Айтылды окшойт жол-жобо. Сардалдуу ырчы болуп өт, Санаалаш кыргыз ордоңо.
ТОКТОНААЛЫ, ЫСМАЙЫЛ
Ысмайыл Борончу уулун биринчи жолу 1953-жылы Үч-Терек районундагы орто мектептин 9-классында окуп жүргөн кезимде көрдүм. Май айынын орто ченинде Борончиев, Таранчиев, Эгинчиев, Какишова, Эшмамбетов болуп концерт коюп келип калышты. Үч-Теректе какшыктамашаны айткан «Чоңко» аталган эл бар: «Эгинчиси бастырат экен, Борончусу сапырат экен, анан Таранчысы жеп кетет имиш», – деп айтып ийишиптир. Кечинде клуб толо эл. Мамбет Таранчиев кулактандырып, Ысмайыл саламдашып ырдап чыкты. Кебетеси өтө толук, кара чий- баркыт кителчен, кара өтүк кийип, чачын капталына тараган адам, олтургучка шашпай олтуруп, элдин чуусу басылганча комузун күүлөп:
Алыста жаткан эл деди, Амандашып кел деди. Бурулушта эл деди,
Бугун ачып кел деди,
Кайрылышта эл деди, Калкка сүйлөп кел деди. Карамолдо, Ыбырай, Кары салам бер деди.
Калык менен Осмонкул, Каралаев Саякбай Баары салам бер деди. Ордолуу журт Үч-Терек, Ойноп-күлүп кел деди. Элден мурун ырдайсың, Эпкиндүүсү сен деди.
Далай элдин көңүлүн, Ачып келдик туугандар. «Таш-Көмүрдөн» бери карай Басып келдик туугандар. Таш кулаган белдерди, Ашып келдик туугандар.
Ылдамыраак жетсек деп, Шашып келдик туугандар. Карында ырлар кайнасын,
Калкым көрсүн пайдасын, Ойдогу ырлар кайнасын, Олтурган көрсүн пайдасын.
Орто жерде бир жигит,
Олтурбай жатат, мас окшойт, Оо, милийса кайдасың?!
Эл дуу дегенде жанагы неме жалп эле болду. 1964жылы июль айында Токтонаалы, Ысмайыл аксакалдар менен ондон ашык артисттер, искусство башкармасынын төрагасы Смар Шимеев, деректирибиз Арген Есенкулов болуп Көкойрок жайлоосундагы малчыларга жөнөдүк. Чоң-Кеминдеги К.Маркс атындагы колхозго жетип калганыбызда, Көк-Ойроктон келе жаткандар жолугуп: «Жашыл көлдүн» жанынан «бортовой» машина тайгалактан кулап, бир адам набыт болду, тил алсаңар бүгүн барбагыла», – деди.
- Кокуй, бур автобусту, барбайбыз! Бул жерде башкарма болуп жүргөн «ак мурут Усубаалы» деген курдашымдыкына барабыз да, «өкүм конок болобуз», деди Током. Кайрылып жолдон оңго бурулуп Током айткан үйгө токтодук.
- Силерди кайсы Кудай айдап жеткирди, – деп ноочо адам Токтонаалы, Ысмайыл менен кучакташып көрүштү. Конок камы көрүлүп тамаша башталды. Ысмакем кыңкайып төрдө туурасынан жаткан. Током куштай болуп мандаш уруп олтурган, Ысмайылды карай:
- Ии, жатасыңбы комдонуп? – деди. (Ысмакенин уругу мундуз ичинде «бөрү» экен) Ысмайыл:
- Бекер жаткан жерим жок, мен жатам бирдемени ойлонуп.
Токтонаалы
- Чыгасың го жортуулга, Көзүңдү ачып ойгонуп.
Ысмайыл
- Бир төө жарып жесем депМенде турат ой болуп.
(Токондун уруусу «Ак Буура» экен).
Токтонаалы
- Эми кайда жейт элең, Эки кучак карының.
Ысмайыл
- Жеригенсип жатамын, Жегим келбей арыгын.
- Сен семизин тапканча мен элге ырдап берейин, – деп Токомун айтканы:
- Ысмайылга окшоп кээ бирөө, Бекер үмүт кылган бар.
Алкымын бузуп агытып,
Арам дүйнө жыйган бар.
Ак сакалдуу кары деп
«Ак мурут Усубаалы» деп Айтылуу болду атагың.
Атайы келип үйүңө, Аңгеме куруп жатамын.
Арам жолго бурулбай Аябай эмгек жасадың.
Кара кылды как жарып, Калыстык менен жашадың. Ырчыны деле көрбөдүм, Ысмайылдан кашаңын.
Жаталак болгон кезегин
Жашына жетпей атаңын.
- деп андан нары насыят түрүндө далайга ырдады.
- * *
1972-жылы июль айында Токтонаалы, Ысмайыл аксакалдар менен бирге, Токтогул, Совет көчөсүнүн бурчунан үй алдым. Күзгө таяган маалда бир тууганым Койчубай айылдан келип, мен жашаган бөлмөнү сурайт. Аңгыча чыга калсам:
- Көрүндүгүн жакшылап берсең мен таап берип коюшум мүмкүн, – деп жатыптыр Ысмайыл. Мени «чоңко» деп койчу.
- Ээ чоңко, алдагыңар эт го?
- Ооба анысы да бар, – деди Койчубай. Ысмакем мага:
- А, байкуш… сенин үйүң биринчи кабатта, балконуң жок, курттап кетет. Мынабу менин балконума коюп, анан кичинеден алып барып оокат кылып тур, – деди. Мен сөз таба албай калып:
- Болуптур, сиз айткандай болсун, бүгүнкүдөн артканын, – дедим. Убакыт өтүп кыш келди. Бир сапар үйгө мейман чакырдык, Ысмакеме айтпай калыптырмын. Таң заардан эшиктин коңгуроосу шыңгырайт, чыксам Ысмакем.
- А байкуш, түндө үйүңдө кишилер болгондой болду окшойт, арактын анты, андайда калбай калат. Башың «куурап» калгандыр жүр оңоп ал, мына, мен бардар киши эмесминби, – деп үйүнө ээрчитип барып:
- Сага бүтүнүн бузайын, бардардыкы ошондой болот, байкең хан-бектер жеген тамактан гана жейт, – деп закускага «парниктин» бадыраңынан койду. Муздаткычтан алганы тоңгонсуп калыптыр.
- Ысмаке, мынабу бадыраң балкондон тоңуп калат экен, меникине коюп, анан ченеп алып турсаңызчы, – дедим.
- А куураган чоңко, баягы күздөгү сөздү кышка чейин сүйрөп жүргөн турбайсыңбы, – деп каткырып күлдү.
- * *
1977-жылы 14-июлда комузчу Эшмамбетов Асылбектин жубайы Жамыйла жеңе: «Быйыл Асыкеңдин көзү өткөнүнө туура он жыл болду, сөөгү узаган үйдөн даам таттырып, куран окуталы», – деп чакырганынан бардык. Азыркы Ленин көчөсү менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги үйүнө Ысмайыл, Токтосун ж. б. санаалаш туугандары келишти. Асыкем тууралуу эскерүүлөр айтылып жатты. Ысмакем көп жылдар бирге иштеп, бирге жүргөндүктөн Асыкемдин өнөрү, адамкерчилиги, кээ бир күлкүлүү жоруктары жөнүндө сүйлөп, ырдап эки саатка жакын убакытты алды. Ысмайылдын байбичеси Азим жеңе:
- Токтосун менен Тууганбайга деле кезек бербейсиңби? – деди. Анда Ысмакем: – Ии, шаркырап аккан дайранын жанынан кудук казат бекен! – деп биз жакты карап мулуңдап койду. Мен Токтосундан озунуп эле:
- Шаркырап аккан дайранын, Жанына кудук казабы?
Же булганыч аккан дайрадан,
Кудуктун суусу тазабы? – деп койдум.
- Эй Чоңко, калганын үйдөн айтышабыз, бул жерде башка да эл олтурат, сөз Асылбек жөнүндө болсун, – деди Ысмакем. Мен дагы Асыкемдин кыял-жоруктарынан сүйлөп, тамаша куруп бердим. Ал кезде олтуруш узак созулчу, таң атканда тарадык. Ысмакем сүйлөгөн сайын сөзгө калемпир сээп турчу. «Мен бардар киши эмесминби, жүр биздикинен тоюнуп ал» деп койчу.
- Ысмаке, сыныктан башканын баары жугуштуу дейт, сиздин «бардарлыгыңыз» мага аябай жугуптур, ак жолдон кайрылып үйдөн даам сызыңыз? – деп киргиздим.
- Ахщ… Чарчаган экенбиз го, эми сенин куураган жармаңан башка эмнең бар дейсиң. Кана, эр экенсиң эми кол көтөрүп көрчү, ээн жерде бир былчылдашалы.
Өзү тийишкенден кийин пайдаланып бирдеме айттырып калайын деген ой менен:
- Андай болсо оюмду, Айта берсем болобу? Аксакалым Ысмаке, Аман жүргүн оболу. Төшөк салып олтурам, Төргө өтүңүз жогору.
Бир эшиктеш үйүбүз, Бирге күттүк короону. Узатышып турабыз, Тууган, жолдош-жорону. Кек сактабай айтайын, Кептин келди оролу.
«Былчылдашат элем» – деп, Өкүм конок чакырсаң Өзүңдү кайра согобу?
Ала тоодой бактыңыз,
Алтымыштан аштыңыз,
Ар ким колдон түшүргүс, Албан китеп жаздыңыз. Кайран нечен залкардын, Катарында бастыңыз. Кан жолуңар уланып, Сапарында бастыңыз. Баш кылып Муратаалысын, Баарысын жыга чаптыңыз. Эс алууга Ысмаке, Элүүңдө чыга качтыңыз.
Балапан баскан тооктой, Байбичеңдин жанында,
Байландың да жаттыңыз.
Эми жүргөн кезиңиз, Эч кандай жок башчыңыз. Торгой тилдүү чоң акын, Токсон, жүздү чапчыңыз.
Ысмайыл:
– Ырас, Кептин келсе соболу, Кетиргенде болобу.
«Өкүм конок» дегендей
Дасторкондо немеңе,
Тай сойгонсуп дегеле, Канча сомуң короду?
Баламдайсың Тууганбай, Байкашымда бу кандай?
Карап турсам сөзүңө, Караңгыга аралаш, Каптап кирген тумандай.
«Карылар менен бастың» – деп, «Калк көңүлүн ачтың» – деп, Какшык эмей эмине.
Мен, карызыма бергенсип
Каргалар конот тарпына
Каркылдай бербей каргадай, Карагын сөздүн баркына.
Мен, карызыма бергенсип, «Карыганда баарысын, Катар жыга чаптың» – деп. Ажал келсе ким калат,
Ачууланса миңди алат. Адам жаны аманат, Асман калат, күн калат.
Аларына келгенде, «Алтын берем» – десең да Ажал кайдан тилди алат.
Кулунусуң чоңконун,
Куу сөз айтсаң коркомун.
Астын-үстүн сүйлөгөн, Айланайын чолпонум.
Ден соолугу тазалар, Дарынын баркын билеби? Дердеңдеген ала өпкө, Карынын баркын билеби?
Ден соолугуң тазабы, Дары көргөн жок белең? Демитесиң улууну Кары көргөн жок белең? Кум жыйылса чап болот, Суу жыйылса көл болот. Аяз келсе кыш болот, Аял башта кыз болот.
Канаты талса куш конот,
Ал-кубаттан тайган кез, Сага да,
Аман болсоң туш болот. Карылыктан кача албай, Калктар өткөн экен да. Ажалга айла таба албай, Алптар өткөн экен да.
Көлдөн учкан бууга окшоп, Көктөн учкан кууга окшоп.
Аттары калып өзү жок, Акындар өткөн экен да, Артында калган сөзү жок. Казырчы түрлүү арга бар, Кагазга түшкөн тамга бар. Карасак ушул заманда Кат билбес акын чанда бар. Каза шумкар каз алат,
Канатын канга тийгизбей, Табына келсе таза алат.
Акындык чындап даарыса, Айта алган деле жаза алат. Кайруусу жетсе имерип, Каңтара тебет карчыга.
Кара жемсөө жан үчүн Каргалар конот тарпына. Каркылдай бербей каргадай, Карагын сөздүн баркына.
Акындын күчү ошондо,
Ат көтөргүс сөздөрү, Айтылып калат артына.
Эшек да жүрөт бакырып, Короз да турат чакырып.
Буруп-буруп сайрашат.
Булбулдар бакта жашынып.
Дагы, Илгери кыргыз ат чапса, Илээге салып чабышып.
Туурадан чыгып койдуруп, Тулпардын ырсын кагышып. Чыгарып койчу «күлүгүн», Чылбырдан сүрөп алышып. Каны сиңип калган бар, Казыр да сүрөп алмай бар.
Алтындан жабуу жапса да
Алыска кетпейт андайлар. Берилбе андай кумарга Безилдеп сайрап жатса да,
Безбелдек жетпейт уларга. Артынан кууба сыйлыктын, Аркаңда калсын чыгарма. Сени бирөө, Ырдаба деген чечим жок. Бирок,
Ырчы болбо бетиң жок. Акындык деген убада, Алыңа ченеп кубала.
Башына Кудай бербесе, Баш ийбейт айткан дубана. Алар ырчы болбогун, Өлөрүңдү ойлогун.
Афирис ырчы болбогун Абийриңди ойлогун. Бозокор ырчы болбогун, Болоруңду ойлогун.
Эл чогулган жерлерде,
Элүү, жүз грамм бергенде
Анда да,
Эсиң менен ойногун. Пенсияда жүрөмүн
Бекерчинин бирөөмүн.
Ышкысы жок тынч уктайт.
Ыр дегениң ошондой,
Ышкылууну тынчытпайт, Ырга жакын жүрөгүм. Агоротун аңдыба,
Акын болсоң бирөөнүн, Ар кимдикин меники деп, Айтып жүрүш тири өлүм. Номурун бир күн карматат, Нокталуу башка бир өлүм.
Барган, турган жерлерде,
Баркымды билген элдерге,
Анда-санда өзүмдү, Аванымды, сөзүмдү,
Айта жүр деген тилегим.
* * *
Бир жолу, жайдын күнү тереземден көчө жакты карап отурсам, Баатыров Мариш деген Совет районундагы К. Маркс атындагы колхоздун башкармасы келе жатыптыр. Ысмайыл менен азилдеш-дос болчу. Кыргыз ССР Жогорку Советине 3–4 жолу депутат болуп шайланган, ордендери көп кадырлуу адам эле. Ысмакемкине келатпаганда кайда бармак эле деген ой менен эшикке утурлап чыктым. Учурашкандан кийин Мариш аке:
- Ысмайыл кайда? – деди.
- Үйүндө эле болуш керек, – дедим.
Шашке чен болуп калган, ээрчишип кирдик. Ысмакем уктоочу бөлмөсүндө тескери карап жаткан экен. Мариш салам айтпастан, акырын бутунун башбармагы менен тигинин көчүгүн чукуп койду. Анда Ысмакем:
- Бу куйрук жакка асылат, түштүк тараптан келген немеби? – дегенде эле Мариш «баа» деди.
Ысмайыл туруп, чайга олтурдук. Байбичеси Азим жеңенин Ленин ордени баштаган бир топ ордендери бар эле. Ал киши улуттук тамак жасоонун устаты болгон. Мариш аке да ошол жылы Ленин ордени менен сыйланган экен. Ысмакеге карап:
- Эй Ысмайыл, сеники көп болсо, «Эмгек Кызыл Туу» орден, а орден деп мынабу «Ленин орденин» айтат! – деп өзүнүн төшүн көрсөтсө, Ысмакем:
- Эй Мариш, андай орденди менин катыным кесме кесип олтуруп эле алып койгон,– деди.
Ысмакем минтип эскерчү эле:
- 1936-жылы жалпы кыргыз өнөрпоздорунун олимпиадасы болуп, ошондон тандалган таланттарды алып калып, Шубин деген композитор оркестр уюштурду. Муратаалы баш болгон өнөрпоздордун баардыгы нота окуп, аспап үйрөндүк. Ар ким алына жараша жекече өнөрлөрүн да көргөзүп атты. Акындар пар-пар болуп айтыш чыгарышты. Токтонаалы экөөбүздү айтышасыңар деп бирге койду. Азыркы опера театрынын алдындагы мечит филармония болчу. Ал кезде концерт төрт-беш саат жүрчү. Токтонаалы экөөбүз Төкөлдөштөн квартира таап «айыл» туруп калдык. Концерттен кийин дайыма чогуу кетебиз да, сайдын берки кырында бир түп кара жыгач бар, ошонун маалесине «отуруп» дагы көпкө божурашабыз, жолдогубуз аздык кылгансып. Анан Током мага:
- Эми менден он төрт жаш кичүүсүң, «аарчыгыч» камдоо сенин милдетиң болсун, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да уккун, жарайбы? – деди.
- Хуп болот,– дейм. Ошентип жүрөбүз. Ошол күнү концерттен кийин баягы жерге келдик. Кудай уруп менде «аарчыгыч» жок болуп калыптыр. Током каарына алып:
- Аны камдап бербегенден кийин бул дүйнөдө эмнеге жашап жүрөсүң, я?! Экинчи бул иш кайталанбасын! – деп күпүлдөдү.
- Ляпбай таксыр, мындан кийин мындай болбойт, – дедим. Аялым ашканада иштечү эле, барып салфетка кагазды төрт кабаттап, майдаланган ачуу калемпирден эки кашык салып ороп койдум. Эртеси күнү баягы жерге дагы келдик. Отурдук… Током кекетип:
- Ии… Бүгүн дагы жокпу?!
- Таксыр бүгүн бар, – деп кагазды бердим. Ай булутка бирде кирип, бирде чыгып, ала көлөкө жарык болуп турат. Экөөбүз туруп кетип атабыз, бир аз жүргөндөн кийин Токомдун оң колу улам куйрук жагын кашып коёт. Көзүмдүн кыйыгы менен байкап баратам. Бир маалда колу тез-тез кашый баштады да:
- Э, Ысмайыл, жанагы кагазың эмне кагаз эле, – деди.
- Жөн эле кагаз болчу…
- Э, билбейм…
Ошентип тарап кеттик. Кийин уксам үйүнө баргандан кийин градусу 40тан ашып кеткен имиш. Ошентип Током кагаз сурабай калган дечү.
* * *
1977-жылы кышындасы Током ооруп төшөктө жатып чыкты. Февраль-март айынын ортосу болуп калган. Ысмакем экөөбүз чай ичип олтурганбыз, балконунан карап:
- Эй чоңко, Токтонаалы эшикке чыгып калыптыр, быйыл жаз эрте келет окшойт, – деди.
Карасам Током, башында суусар тебетей, көгала чыт чапанын сыртынан курчанып, гөлөштүү өтүк кийип, таякчан, куштай болуп басып жүргөн экен.
- Кой, сакалдуу кишиге чыгып барып учурашып коёлу? – десем, Ысмакем:
- Мен балкондон эле учурашам, – деп койду.
Токомо салам айтсам, колун серепчилеп бастырма кылып:
- Ой шоңкосуңбу? Көрүнбөйсүң да…
- Токо командировкадан кол бошобой, кирип сурай да албадым…
- Ии… пиларманияң да ит куугандай айдап атабы?.. Каруу, күчүң барында иштей бер, аман болсоң биз барган жашка да барасың…
Аңгычакты Ысмакем балкондон:
- Бийик жердеги жапыс жердегиге салам айтат, ассалоум-алейкум?
Током:
- Тигил эмне деп атат? (Мен котормочу болуп атам).
- Сизге салам айтып атат.
- Ии… үйүндө жатып алып аябай семирип атабы?
Сурачы канча кило семирем деп план алган экен…
- Токомун үнү акырын чыгат.
Ысмакем:
- Алдагы эмне деп атат?
- Өкмөттөн канча кило семирем деп план алыптыр дейт…
- Бир төөнүн салмагындай. (Токомдун уруусу «Ак буура»).
- Чоңко тигиге айтчы, азыр үзүмчүлүк маалы, согум союп алалы, үчөөбүз биригип.
Током: – Эмне соёлу? – дейт.
Ысмайыл: – Арык да болсо төө союп алсак. Током: – Эмне дейт?
Мен: – Арык да болсо төө союп жесек дейт.
Током: – Ии, ал ит төөдөн башканыкын жебей калыптырбы?
Айтсам Ысмакем, ага кошулуп мен күлдүм, анан Током да кошулду.
ШЕКЕРБЕК ШЕРКУЛ УУЛУ
(1902–1979)
Шекемди биринчи жолу 1953-жылы жайында көргөм. Турсун Карымшаков, Мыскал Өмүрканова, Эстебес Турсуналиев болуп концерт коюп келишкен. Шекем, Эстебес Токтогул менен Эшмамбеттин сакал жөнүндөгү айтышын аткарып бүткөндөн кийин Шекем туруп кетип, Эстебес калып минтип ырдады:
– Жээгинен келдим Таластын, Жеринен келдим Манастын. Алты жылдан бери карай Артисттерге жанаштым. Өзүмдөй кунан, тайлардан Жолду бербей талаштым.
Кең Фрунзе шаарында
Филармония залында
Албан түрлүү ырчы бар,
Атагы чыккан ырчылар,
Калемпир бар, мурчу бар,
Кароосунан өткөргөн,
Мени
Кабыл алып сынчылар.
Калык деген зор жорго,
Осмонкул деген чоң жорго,
Алымкул деген тору жорго
Аларды ээрчип келаткан
Мендей аламан чалыш жол жорго. Аман болсом түшөрмүн.
Шекем менен 1958-жылкы декададан кийин, ЖалалАбад облусундагы областтык драм театрда иштеп жүргөнүмдө Токтосун, Эстебес, Керим, Төлөш болуп командировкага келгенде жакындан тааныштым. 1960-жылы ноябрь айынын аяк ченинде Алабука районунда гастролдо жүргөн жеримен Токтосун кармап алып эле:
- Жүр биз менен филармонияга, алып кетем, – деп калды. Бригадирибиз Кемпирбаев Ырысбек:
- Токо, деректирге эмне деп жооп айтам?
- Деректириң Көкев Адишпи, ага жоопту мен берем. Тууганбайдын иши тыякта, – деп мени ээрчитип алды.
Кыштын күнү, бирде атчан, бирде ачык машинеде жүрөбүз. Током жетекчиси экен, топто Шекербек, Насыр Абдыкеримов, Жапар Чабалдаев, Керим Жакшылыков, Сакен Бейшеналиева, Мамбет Таранчиев, анан талаадан мен кошулдум.
1962-жылы декабрь айында Кочкор районунда концерт коюп жүрөбүз. Бригада башчыбыз Эстебес, Шекербек, Төлөш, Уркаш, Төлөбек, Ырыс Ташыбекова жана мен болуп Дөңалыш деген айылда күндүз эшикке концерт берип калдык. Кочкордун кара суугу ичти кайрып турат.
Эстебес:
- Күндүн суугу бул болсо, концерттик формаңардын үстүнөн жылуу кийимиңерди кийип ырдай бергиле, Шеке сиз пальтоңуз менен эле чыга бериңиз, жөтөлүп жүрөсүз, – деди. Шекемдин көкүрөк оорусу бар эле, тынбай жөтөлөт, күнү-түнү менен.
- Ооруп жүрөсүз, шаарга кете бериңиз десек:
- Аз калды балдар, чыдай берем «балоокерден баабедин» деген дарым бар («валацерден» деген дары), ичип алам деп коёт.
Концертти Шекем экөөбүз баштачубуз. Экинчи – кезеги келгенде жөтөлүп эле ыкшып калды. Мен күтүп турам. Жөтөлү басылары менен:
- Сөзүн ук мендей Шекеңин,
Карып калган экемин, Кармап калып жөтөлүм,
Тыйкылдап атат көтөнүм…
Мен балээни ырдай аламбы. Эл күлүп атат, мен да күлүп атам. Шекем жөтөлүп атат. Чарбанын алдыңкыларынын аты-жөнүн жаздырып алган элек, Шекеме Абылбек деген мыкты чабандын аты тийип калыптыр. Шекем:
- Карыган Шекең кеп айтат, Калк аралап келаткан. Каармандарын, жалкоосун Катары менен эми айтат. Айлыңарда бар экен, Абылбек деген чабаның. Атагың бар, баркың бар, Аман болгун карагым.
Жадабагын эмгектен,
Жайы-кышы чеке тердеткен.
Коктуну карай өрдөткөн
Койлорун эгиз төлдөткөн.
Элдер күлүп ийди. Абаз аттуу киши бар эле:
- Оой Шеке ал жалаң кочкор багат, кочкор да төлдөчү беле?! – деп бакылдап жиберди.
Анда Шекем:
Коктуну карай өрдөтөт,
Абылбек, Кочкорду деле төлдөтөт,– дебеспи. Көрсө тиги Шекем мактаган койчуну активдер «алдыңкы чабан» деп жазып берип коюптур.
Мен:
- Калыстык сөзүн сүйлөсүн Калкыңда мендей эрмегиң. Аксакал Шекем ырдады, Активдин жазып бергенин. Өтүрүк айтпай туура айтты, Өз көзү менен көргөнүн.
Өмүрүндө калп айтпайт, Өлбөгүн, Шеке, өлбөгүн, –десем Абаз:
- Тиги жанындагы энеңди урайыны да болушуп атпайбы, – дейт.
- * *
1964-жылы күзүндө Аңыракайдагы малчыларга концерт коюш үчүн барып, «Ак чий» деген жеринде турсак бирөө келип:
- Асан деген жалгыз эркегине тойчук өткөрүп атат, мүмкүн болсо кыргыздын салты боюнча Тууганбай экөөңүздөр эки ат минип ырдап барсаңыздар, – деп Эстебестен өтүнүп калды.
Эстебес экөөбүз ырдап бардык, атчан. Шекем кызуураак. Уктап жаткан эле. Ойгонуптур да бизди көрүптүр. Эч кимден сурабай эле бир байлануу турган атты чечип минип, биздин аркабыздан ырдап келди. Шекем алиги тойдун ээсин келиниң кут болсун деп ырдап атат.
Ырынын баары эле тетири. Эстебес мага:
- Бар, Шекеңди түшүрчү, – деп жумшады. Айтсам түшпөйт. «Мага да силердикиндей кылсын, болбосо түшпөйм»,– дейт. Колуна бир метр чыт, бир сом карматып түшүрүп алалы дегенче улак тартуу башталып кетти. Минген аты бир кулагы кесилген кара ат, бийиктиги эки метрге жакын. Үзөңгүгө буттары араң жетет, кантип минип алганын билбейм. Эстебес бир жагына, мен бир жагына кошулуп тартып атабыз. Биз менен кошо Шекем да жүрөт.
- Ой Шеке, кайсы жагындасың? – десем:
- Мен өзүмчөмүн, – дейт.
Улакта кеминдик Боромбаев Ачакейдин Эмил деген баласы дагы бар, улак анын такымында эле, Шекем да бучкактан алды, анан топтошо түштүк. Шекем минген ат жедеп жалтак болуп бүткөн байкуш окшойт, топтон улам артын карай кетенчиктейт. Шекем улакты коё бербейт, колу кычкачтай болчу. Ошентип аты кетенчиктеп атып басмайылы үзүлүп, үзөңгүнү тепкен боюнча ээр токуму менен аттын башынан шыпырылып түшүп калды. Колунан улак чыгып кетти. Ошондо да алаканын чаап «Жашаа!» «Жашаа!» деп кыйкырып коёт. Көргөн эл Шекемди тегеректеп тамашасына батып атышты. Биз улакта жүрдүк.
Бир жолу шаардан бирөө учурашып калды Шекеме. Шекем да аны менен тим эле катташып жүргөндөй сүйлөшүп атат:
- Атыңды унутуп калыптырмын, атың ким эле?
- Арстанаалы…
- Ооба, ооба. Арстанаалы эмес белең.
- Кай жерлик элең?
- Атбашылык…
- Ооба, ооба атбашылык эмес белең… ии…
- Атаңын аты ким эле?
- Ой жарыктык унутуп калдыңызбы, Дүйшөнаалы эмес беле.
- Ооба, ооба Дүйшөнаалы эмес беле. Кандай Дүйшөкөм аман-эсен жүрөбү?
- Оо, ал кишинин өлгөнү качан, 1955-жылы эле каза болгон.
- Ооба, ооба. Каза болгон… Эми деги калганы аманбы?! Тиги да кызууракпы. Жүр эми калганын буфеттен сүйлөшөбүз, – деп ээрчитип кетти Шекем.
- * *
Кара-Суу районунда бир чайканада Манас жөнүндө сөз болуп кетти. Манас жомокпу же тарыхый чындыкпы деген сыяктуу ойлор айтылып атат. Шекербек өзүн Таластыкмын деп тааныштырып олтурган.
- Эй туугандар, Манас көзмө-көз болгон. Ал тургай мен Манаска алты ата менен кошулам.
- Кандайча? – деп бир карыя таңданды.
- Жакып, Жакыптан Манас, Манастан Семетей, Семетейден Сейтек, Сейтектен Култай, Култайдан Куулек, Куулектен Шеркул, Шеркулдан Шекербек. Чайканада олтургандар көбүнчө карапайым карыялар эле, бир даары ишенгенсип калды. Шекем ого бетер билимдүүсүнүп:
- А Карл Маркс Коммунизм жөнүндө эмне деген?
Билесиңерби? – деди.
Анда олтургандардан бирөө:
- Э, Карл аям акаңизби?! – дейт. Шекем өзү күлүп атат, бышмыңдап.
- * *
1958-жылы Чалагыз, Шекербек, Бектемир, Токтосун, Эстебес, Керим болуп Токтогул районуна барышат. Андан бир жыл мурун ошол эле бригада концерт коюп кетишкен болот, бирок ичинде Шайлоо Мукашева да бар экен, элге аябай өтүп турган учуру. Өң десе өң, үн десе үн, келбети да келишкен, атайлап сахнага жаралгандай сонун кези. Токтогул атындагы колхоздун башкармасы Медеров артисттерди концерттен кийин аябай сыйлап, эртеси шашкеге чейин олтуруш болуп калат. Пахта терим учуру экен, райкомдун биринчиси Нургазиев Муктар отуруштун үстүнөн чыгып калат. «Иш маалында элди жумуштан алаксыттыңар» деп ачууланат да бюродо башкарманы кызматтан алып, дагы бир топ активдерине чара көрөт. Ал кабар Маданият министрлигине жетип, Шайлоо Мукашева да жазаланат.
Жогорто айтылгандай, кийинки жылы келген өңчөй эркек артисттер мейманда отурушпайбы. Активдерден бирөө:
- Башта келгенде араңарда бир кыз жүрчү эле го. Быйыл жалаң эле эркек артисттер келипсиңер? – десе Шекең:
- Ооба, жылда арабызга бир кыз кошуп алчы элек. Былтыр бир кыз менен келсек башкармаңар баш болуп бир тобуңар иштен куулупсуңар. Ошондуктан накта кызды алып келсек болбойт экен деп тиги Чалагызды (Чалагыз Иманкулов) апкелдик, – дептир.
- * *
1958-жылы кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өтө турган декадасына жөнөйм деп жаткан учурунда таланттуу акын, комузчу, ырчы Ормонбек Асанов жыйырма алты жашында каза болуп калат. Ормонбек жазганда жакшы жазган, жамакты да жакшы ырдаган, үнү коңгуроодой, өзгөчө Ыбырайдын күүлөрүн ордунда келтире кайрыган, бирөөгө жаман айтпаган, өйдөсүнүп кекирейбеген, кооз, таза жүргөн, кир кол менен учурашпай турган жигит эле. Ормонбектин өлгөнүн Москвадан угушуп, өзгөчө филармониялыктар өтө капа болушат. Декададан кийин Токтосун баштаган бир бригада батага барып, андан нары планды толтура келели деп Аксы айлына келишет. Алардын тобунда Шекербек да бар экен. Ормонбектин тууган уруктары улам бирөө чакырып отуруп артисттер бир топ күн жүрүп калышат.
Улуксат алышып артисттер аттанаар маалында Сарпаш
Молдо: «Кана, алаканыңарды жайгыла бата берейин», – дейт. Артисттер алакандарын жайып турушат. Он мүнөт болот, бүтпөйт. 15 мүнөт болот, бүтпөйт. Суук бетти каарып, жайган алакандарын колтукка ката коюп кайра тартып алып… 20 мүнөттөй болгондо «Аллоуакбар» деп бата тартылары менен артисттер кайрылып жөнөйт.
Аңгычакты алдыдан кызуураак бирөө чыгып:
- Ассалоуммалейкум Шеке? – десе.
- Болду айланайын, сенин саламың эмес Сарпаш Молдонун батасынан араң кутулуп келатабыз, – дептир Шекербек.
* * *
1963-жылы Кара-Балта жакка командировкага чыктык. Ал жакты биринчи аралап көрүшүм.
- Жол алдында Киров деген айылда Усубаалы деген киши бар. Куйручуктай эле ат коюп сүйлөйт. Бүгүн ошол айылга концерт коёбуз, – деди Эстебес. – Кандайча ат коёт? – деп сурасам:
- Илгери филармонияга Вуль деген еврей деректир келип, аттестацияга шылтоолоп, аксакалдардан башкаларын иштен бошотуп ийген. Токтосун Алымкулга катчы болуп кетти. Мен Кыргыз драмтеатрына артис болуп кирдим. Театр менен Чүй боорунда оюн коюп жүргөнбүз. Киров колхозуна келсек Усубалынын Сатаркул деген баласы башкарма экен. Атасы бактын көлөкөсүндө эс алып жатса, кытайча «чесуча» деген ак материалдан костюм, шым, шапке кийген баласы:
- Ата, туруп чай ичиңиз, – десе ынды кара баласына карап туруп:
- Бу өзүңө өңдөш эле кийим кийбейсиңби, сүткө түшкөн коңуздай болбой, – дептир. Ошондо биз бир үйдө конок болуп олтурсак: – Усубалы келатат! – деп калышты. Муратбек Рыскулов баштаган чоң артисттердин баары бар. Деректирибиз Бектенов Касымаалы да кошо келген. Усубаалы аксакал кирип келип салам айткандан кийин эле бир-бирден аты-жөнүбүздү сурай баштады. Төрдө Муратбек Рыскулов олтурган, аны айтты:
- Бу совхоздун асыл тукум букасы кебетеленген мунуңар ким?
- Ал Кыргыз ССРинин эл артисти Муратбек деген ушул, – деди.
- Тиги башына айранды жаба куюп алгандай немеңер ким? – деп Айбашовду сурады. Чачы апаппак эле.
- Тиги журтта калган куу казык кебетеленген немеңерчи?
- Шамшы Түмөнбаев деген куудул артист.
- Береги күйгөн калак-күрөк баштанганыңарчы?
- Ал театрдын деректири Бектен уулу Касымаалы.
- Тигил эркек тоодак көчүктөнгөн кызчы?
- Канымгүл Досманбетова деген кызыбыз.
- Бу кайырманын сеңири мурунданган балаңарчы?– Эстебес деген таластык ырчы.
- Ии айланайын саруусуңбу, кушчусуңбу? – деди.
- Саруумун.
- Анда иним болот экенсиң.
Кыскасы Усубалынын ар сүйлөгөнү сайын каткырып отурдук.
- Эстеке ошол киши бүгүн да келер бекен? – деп сурап калдым.
- Бул жерде эле болсо келет, өзү топту сүйгөн ышкыбоз киши, илгери казак, кыргыздын ортосунда доо бүтүрүп жүргөн чечен экен.
Ал кезде конок үйүнө чанда кончубуз. Айылдан, айылга түнөп жүрө берчүбүз. Киров колхозуна келип контордун жанында көпкө күтүп калдык. Шекербек, Эстебес, Төлөш комузга кыл тагышып көлөкөдө олтурушат. Мен, Уркаш, Төлөбек болуп автобустун ичинде жатканбыз. Күн түшкө жуук болуп калган, арыктын боюнда эки чал чөп оруп жүргөн. Аңгычакты эле бакылдаган үн чыгып калды, жанагы эки чалга карата:
- Бу силер арыкты карай басканда эле жээгиндеги чөптөр ыйлап турат экен, ой айылга кишилер келип олтурат, бир карап салам айтканга жарап койсоңор боло! – Усубаалысы ушул го деп карап калдык. Толмочунан келген бакубат карыя биздин олтурган артисттерге салам айтып:
- Кандай Шекербек тууганым, жүн тиштеген таранчыдай болуп, чөп баскан кудук ооздонуп аман-эсен жүрөсүңбү? – деди.
Төлөшкө:
- Кутурган булактан суу ичип, секирген бука көздөнүп саламат жүрөсүңбү Төлөшүм?
- Жаян балык ооздонуп ырыңды чуурутуп атасыңбы? – деп Эстебеске учурашты. Уркаш манасчы кыйкылдап күлүп автобустан биринчи чыкты. Усубаалы Уркашты карап:
- Тетиги ыштаган түлкү тиштенип ырсалаңдаган ким?
- Талдысуулук, Уркаш Мамбеталиев, «Манас» айтат. Төлөбек Итигулов деген арык артистибизди: – Кара суунун балырына жабышкан сүлүк курт баштанган мунуңар ким?
Аны да тааныштырдык. Мен чачымды артыма карай тарачу элем, төбө чачым туруп калса керек.
- Тиги сасык үпүп чокуланган артисиң ким?
- Кетментөбөлүк акын бала.
- Чачың тик турат, чарт айтып туруп калма ырчылардансың го?..
- Мейли, мейли, аман болгула балдар, – деп жайланып олтурду. Кечинде концерттен кийин олтуруш болду. Өтө семиз, кара тоголок, оозунда тиштери жок бригадири бар экен. Биз Усубаалы аксакалдын сүйлөгөнүнө маашыр болуп улам айтса экен деп атабыз. Аңгыча жанагы бригадир тиши жок оозу менен: – Усуке, биз балдарды ырдатып угалы десек эле өзүңүз сөз бербей олтуруп алдыңыз го, буларга да кезек бербейлиби? – деп балдыраган түр менен сүйлөп калды.
- Эй, мен чайымды актап ичип атам. Атаң менен тең киши болом, кагып сүйлөгөнгө кандай акың бар?!. О май карын жалап, ысык картөшкө жеген ооздонгон кебетеңди урайын!
- Усукем ушинтет эми, ушинтет эми, – деп бригадир туруп кетти. Ошентип отуруш көпкө созулду. Эртесинде Шекербек мага:
- Сен экөөбүзгө бир айтыш чыгарып койдум эле, ошону буларга окуп берели, жараса концертке чыгаралы,– деди. Ар ким оюн айтты, бара-бара түзөтүп айтышып жүрдүк.
Кол жазма менде сакталып калыптыр, ал мындайча эле:
Шекербек:
- Жарышка бүгүн чабайын, Жаңыдан чыккан кунансың.
Эптүү сөздөн сүйлөсөң Элден алкыш угарсың.
Абайлап турсам өзүңдү Абаң Коргол сыяктуу Айтышмакка кумарсың. Кабыргаңдан чымчыйын Каруу, күчүң чыңалсын.
Карт күрөңдүн күчүнө, Кайраттансаң чыдаарсың. Аркы-терки сүйрөсөм, Аргаңды кандай кыларсың. Куушуп ырдай албасаң,
Куйругуң кыпчып жыларсың.
Тууганбай:
– Жол көргөзөт деп турсам, Жоон сүйлөдүң эми эле. Куйругун кыпчып ит качат, Кууланып ага теңебе.
Кабырга чымчыганыңды Карматкын үйдө жеңеме. Кармашсам кайдан алдырам, Каруусу кеткен немеге.
Созуп коюп какшыкты
Сопу мышык сыяктуу, Созуласың теги эле. Карылыгың шылтоолоп, Камчы үйрүбө төбөмө.
Кара мурут чагың жок,
Кармашууга алың жок Качыратсам белиңди
Какыйлап качып жөнөбө.
Шекербек:
– Сылык айтпай кебиңди, Сындырам дейсиң белимди.
Карыса бөрү бир койлук
Кана
Чыгарайын желиңди. Апаң менен келсең да, Азыр табам эбиңди. Өзөнү Талас кутман жер, Өнөрпоздор чыккан жер. Абалтан бери ээлеген, Атактуулар төрүмдү.
Эшмамбет менен Жеңижок,
Экөө тең биздин Таластан. Сыртпай менен Мусабай Сайрап турса жарашкан. Айдараалы, Аттокур, Күлдүрүп элди караткан. Үмөтаалы, Сулайман, Уккан жерге жарашкан. Алымкул, Атай ырдаса, Адамдын черин тараткан.
Айманбет, Сооронбекти сен, Айтпасам жөнүн билбейсиң. Балалык кылып Тууганбай Баш-аламан сүйлөйсүң. Эстебес, Төлөш инимди Эсиңе такыр илбейсиң.
Жарышам десең буларга,
Жарым жолдо жиндейсиң.
Тууганбай:
– Элге, жерге бөлгөндү, Эси жок кары кеп кылат. Кайраштырып бир-бирин, Кагышса экен деп турат.
Элди экиге бөлбөгүн, Кетмен-Төбө, Таласта Ээрдей кайкы чеп турат.
Ээрчишип бирге жүрүшкөн, Эстебес менен Төлөшкө Эрегиштирген шек турат.
Балакет сөзүн кылтыйтып, Байкатпай Шекем жеп турат. Эгер бөлмөй бар болсо, Эзелки сөөгү сиздики.
Эшмамбет акын биздики.
Жердиги, сөөгү сиздики. Жеңижок деле биздики. Торгойдун тилин туураган, Токтогул чыккан элимден.
Токомдун ыры деңиздин,
Толкунундай көбүргөн.
Дудукту дагы күлдүргөн, Бекназар чыккан төрүмдөн. Кош таңдайлуу Корголдун, Кокодон ыры төгүлгөн. Кулуке, Тейти, Шадыкан, Куюлган ырга чөмүлгөн.
Кыргызга маалым Жолойдун,
Кыякка үнү телинген
Тушунда ошол залкарлар Тулпарлар экен бөлүнгөн. Куушуп кетти кайрандар, Кутула албай өлүмдөн.
Карылыгын билбесе,
Кадыры менен жүрбөсө
Кары жаштын көзүнчө,
Кайдагыны сүйлөсө Калжаңдаган чалдарды,
Кайыштай кылып ийлесе.
Шекербек:
– Чычымдан чыккан кепти көр. Чымырабас бетти көр. Тек койгонду түшүнбөй, Теңтуш болуп кеттиңер. Өрөпкүгөн көйрөңдү, «Өйдө өт» деген көптүрөр. Калган күчкө салайын, Кара жиниң кагайын. Кара келтек сөз менен,
Карсылдатып сабайын.
Алдыма салып айдайын,
Азууга салып чайнайын. Ботодой сабап айдайын, Болгон-тиш менен чайнайын. Келин кыздын көзүнчө, Келиштирип жайлайын.
Жактырып алган жарың жок,
Жатайын десең тамың жок. Колтуктап жүргөн жарың жок, Конойун десең тамың жок. Тандап алган гүлүң жок,
Талаадан барсаң үйүң жок, Асыласың карыга,
Ата көргөн түрүң жок.
Тууганбай:
- Тикенектей сөзүңүз, Тийиштиңиз өзүңүз. Сайып койсом безиңе, Сайгактаган кезиңиз. Болжошконум жогунан, Бойдок жүргөн убагым.
Боз бала кез курагым.
Ойноп жүргөн убагым.
Көмөгүңдү тийгизип, Көп аял көргөн карысың. Мага тийчү немени Көрүп өзүң сынагын. Эминени ырдайсың,
Эми кандай планың?!
Шекербек:
- Жанатан бери кунаным, Жай-мааниңди сынадым.
Орой-чарай болсо да Оюмду туура уладың. Каяша айтып өзүмө, Кадимкидей чыдадың. Чычым алып кетпесе, Чыңырган ырчы болосуң. Өлүм алып кетпесе, Өкүргөн ырчы болосуң. Айтышкандын бир тобун, Аман болсоң согосуң.
Тууганбай:
- Баш оорудан сактаса, Бакырган ырчы боломбу? Ич өткөктөн сактаса Кашынган ырчы боломбу?
Төш оорудан сактаса, Убадама тайбастан, Бек туруп ырчы боломбу?
Көз оорудан сактаса, Сиздей көк мурут ырчы боломбу? Эркеледим өзүңө.
Ээрчидим айткан сөзүңө Артыңан өнөр үйрөтүп, Ала жүр Шеке эсиңе. Тамаша айткан сөзүмдүн, Таарынат элең несине.
Шекем көзү өтөр жылы борборго келип телевизордон чыкты, бирок мурункудай кайда! Менин билишимче 1964жылы черттирип тарттырган «Ак тамак, көк тамакты» көрсөтүп, кайра Шекемдин азыркы чертип атканын алмак-салмак көрсөтүп атат. Мурункудай кол кайда? Араң шилтенет. Алып баруучу журналист:
- Шеке «Камбаркан» күүсүнүн чыгыш тарыхын айтып бербейсизби? – деди.
- Илгери өткөн заманда Камбар деген хан болуптур. Бир күнү жигиттери менен ууга чыгат. Хан токойду аралап бара жатып, шактан шакка секирем деп ичи жарылып өлгөн маймылдын ичегиси эки бутакка керилип катып калганын көрөт. Хан камчысынын учу менен чаап койсо зыңылдаган үн чыгат. Хан ойлонуп калат. Үйүнө келгенден кийин союлган койдун ичегисин, түз жыгачтын эки башына эки жыгач мык уруп, ичегинин эки учун эки мыкка тарта байлап, салаасы менен чертсе үнү токойдогудан дагы жакшы чыгат. Ошондон өркүндөтүп олтуруп комузду Камбар деген хан ойлоп чыгарган экен.
Шекем ошондо да жөн турбай сол жагындагыларга купшуңдап:
- Ошол Камбар менен менин атам жолдош болчу, – дегени теледен бизге угулуп калды.
Өмүрү кишини жамандабаган, бирөөгө жагынбаган, кер-мур айтышканда да бир балээ сөздөр менен күлдүрүп ийген, дүнүйө-мүлккө жутунбаган, атак, даңк көксөбөгөн, жаш-карыга бирдей теңтуш, колдо барын аябаган, Токтогулдан баштап нечен залкарлар менен насиптеш болгон Шекем, 1981-жылы 79 жашында дүйнөдөн кете берди.
- Талаадан ичпейм, шаарга келгенде балдар менен татып коём, – десем ыкшып дагы күлдү. Көрсө мени сынап аткан турбайбы.
- Ой, бир стакан арак алып кел, болбосо ырдабайт.
- Аялы жүз элүүдөй грамм арак алып келди.
- Кана алып ий, – дегенинен тартып ийдим. Райкан мени карап туруп:
- Оо, талант бар экен, профессиональный ичкич турбайсыңбы! – Мен уялымыш болуп калдым.
- Балдарга тамакты жөн ичирчи деги, – деп Ажар жеңе тыйып атат, а Райкан мени карап:
- Жүр эми,– деп иштеген бөлмөсүнө алып кирди да өткөн-кеткенден аңгеме куруп аягында гана мени эмне себептен чакырганын айтты.
РАЙКАНДЫН АЙТКАНДАРЫ
- Э Райкан, биз деле эл катары ченеп иче берсек болот турбайбы, бая күнү ичтик эле мынакей ооруган жокпуз.
Ресторандан жүздөн ичели да акырын кетип калалы.
Ресторанга кирдик. Жүздөн ичтик. Эчтеке деле болгондой жокпуз, анан дагы ичилди, кыскасы мас болуп калыптырбыз. Ооруканадан жаңы эле «айыгып» чыксак дагы бирөөлөрдүн көзүнө чалынбайлы деп ойлогонубуз го. Мидин мени артына жаш баладай кылып көтөрүп алды. Мени үйүмө жеткирмек болот, бир маалда чарчаган го:
- Райкан башыңан шляпаң түшүп кетти, алып кийчи кайра көтөрөйүн, – дейт. Таңдайымды «шык» дедирип:
- Кичине эңкейип койсоң эңип алайын, болбосо алдап таштап кетесиң? – деп эки бутумду анын ичине кайчылаштырып чыгарбай койдум. Үйгө жеткенден кийин эшиктин астына мени шалак дедирип таштап жиберди. Эшикти эптеп ачтым. Кирери менен чарчаган Мидин полго кулады. Аялым жок. Үйдүн ичиндегилерди терезе пардого чейин сатып ийгем. Жалгыз гана дүнүйөлүк карта дубалда илинип турат. Ошону алып жерге төшөп, Мидинди колунан тартып картанын үстүнө жаткырдым эле түндүк муз океанынын үстүнө кулады.
- Эй алдагы түндүк муз океанынын үстүнөн тоңуп каласың, мына бул Африканын үстүнө жат, – десем:
- Дагы бир бөтөлкө тапсаң бир күн түндүк уюлга деле чыдайм, – дейт. Ичкилик ошол боюнча улана берип, мен Алматыга барып келишим түзүп, балдар үчүн китеп котордум. Китепти ичпей котордум, бүткөндөн кийин өзүмдү-өзүм сыйлай берип, уктап калып, тамекиден бөлмө күйүп кетип, администрация чатак чыгарып, бирок кыргыз жазуучусу экенимди сыйлап, штраф салып бошотуп жиберишти. Көп акчам бар эле, Алматыдан Жамбулга чейин бир айда зорго жетиптирмин. Аскерде чогуу жүргөн казак досум бар эле, үйүн издеп таап алдым. Ал дагы «оңбой» калыптыр. Бирок мага караганда үйү бар экен.
- Энди Раке, көрүп турсуң гой, менде да аскан дүнийе жок. Алдагы омитканы аягыңа ора да кыстын күнү тоңуп калма? – деп эски шинель жана казактын эскилиги жеткен тумагын берди. Кычыраган кышта Кең Талас кайдасың деп жөнөдүм. Таласка жетип автовокзалдан өйдө баратсам, Өмүргазы Кулмырзаев деген райондук аткаруу комитетинин төрагасы маңдайыман чыгып, таанып тааныбай:
- Эй сен Райкансыңбы? – деди.
- Ооба, ошол Райкан деген олуя менмин, – дедим. Педтехникумда бирге окудук эле, эстүү жан түшүндү окшойт. – Эмне, бирдеме ичесиңби?
- Болсо жүз грамм ичейин. Экөөбүз ресторанга кирдик.
- Канча ичесиң Райкан?
- Жүз элүүнү. Пахмелден шор катып турган. Башымда үч бурчтуу тумак, үстүмдө жалаң көйнөктүн үстүнөн солдат шинель, шыйрагымда солдаттын обмоткасы, бутумда кийиз өтүктүн кончун кесип салып, гөлөштөй кылып кийип алгам, ээрчигеним райондук аткаруу комитетинин төрагасы, олтурган жерим ресторан!
- Райкан эстеп да жүрөйүн, күлүп да жүрөйүн, бир куплет ыр жазып бербейсиңби? – деп калды.
- Ичип ийип жазайынчы. Ичим ысыгандан кийин минтип жазып бердим.
Арак жаман аны деле билемин, Ичкендерди ичтен тилдеп жүрөмүн. Электирлүү үйүм турса жаркырап, Эчен жолу аңгектерге түнөдүм. Ичкен жагын мага койсо болбойбу Депутаттын ичкенине күйөмүн.
Анткени Жогорку Советке депутат эле Кулмырзаев. Окуп алып күлүп туруп баратат. Өмүке коё туруңуз, жазуучулар союзу ырымдын ар бир сабына он төрт сомдон төлөйт, сиз канча бересиз десем:
- Ой, ой! – деп жүз сом кармата салды. Дагы бир бөтөлкө арак алдырды.
- Мынча болду закускесин деле кошо бүтүрө кетиңиз десем, эки кило колбаса алып берип:
- Соолукканда келип тур, – деп кетип калды. Кийин эле Райкан айткан Кулмырзаев Өмүргазыдан (Кетментөбөлүк агалар эле) жогорку жоругун сурасам:
- Андан да кызыгы бар,– деп буларды айтты:
- Ошондон көп өтпөй кабинетимде олтурсам секретарь кыз:
- Сизге Шүкүрбеков деген жазуучу кирем,– деп атат деп калды.
- Кирсин.
Райкан кирип келди. Баягы кебетеси.
- Кел эми чогуу эле ичели? – деп бир бөтөлкө аракты үстөлдүн үстүнө коё салса болобу. Жулуп алып тартмага тыгып ийдим.
- Дартыңды айтчы?
- Мага сегиз жүз сом акча бер да машинең менен Будённый районунун борборуна жеткирип кой.
- Макул.
Ошол боюнча жүрүп 1958-жылдан кийин учурап калды.
- Айланайын Өмүке, сенин жакшылыгыңды кантип унутайын, баягы карызымды берейин, жүрүңүз, – деп демитип калды.
- Райкан, коё тур. Кабарыңды угуп атам. Азамат сендей болсун! Ошол акчаны аракты койгондугуң үчүн кечтим. Көрүндүгүм болсун, – дедим.
- * *
Ал учурда ресторан, буфеттерде таңкы саат жетиден баштап түнкү саат үчкө чейин арак-шараптар сатыла берчү экен. Бир жолу боз кыроодо Райкан мас болуп дубалга жөлөнүп олтуруп уктап калат. Шыптан тамган тамчы тамчылай берип, түн ортосунда тармал чачы дубалга муз болуп жабышып калат да, мойну шылкылдабай жакшы уктайт. Эртең менен турайын десе эле башы дубалдан ажырабайт. Салааларын чачтын арасына киргизип музсузу менен ажыратып алат, дубалдан. Чачындагы муздарын калдайткан бойдон таң азандан буфетке кирип барса көргөндөр күлөт дейт:
- Мынабу кишинин шапкеси сонун экен, – деп. Анда Райкан:
- Эмне күлөсүңөр, ар ким өз тапканын кийет да, – дептир.
- * *
Токтонаалы аксакал барган жерден түлкүнүн терисин көрсө эле «ичик тиктирейин десем өңүрүнө жетпей атат, жакасына жетпей атат акчасына саткыла» дей берет экен.
Райкан артисттер менен бир үйгө конокко барса дубалда бир куйругу жок түлкүнүн териси илинип туруптур.
Көрөр замат:
- Ой кайран Током, чала сермеп калган экен а! – дептир.Райкандын «Насыят терме» деген ырында:
«Азамат эр жаңылса,
Ал жолду баспайт кайрадан.»
- дегени бар. Ошол өзүнө да тиешелүү. Өмүрүнүн кийинки жылдарында көптөгөн чыгармаларды жаратканы журтубузга маалым. Кылымдарда бир жаралчу кыргыздын чолпон таланттарынын бири, драматург, комедиограф, акын, котормочу, актер Ракемдин аз жашап өткөнүнө өкүнөбүз.
Сөзүмдүн баш жагында Райкан мени эмне жөнүндө чакырганын эскертпедим беле.
- Сен комуз чертип, жамактап ырдап анан сатира да ойнойт экенсиң. Сага репертуарыңды көбөйтүп жардам берип өстүрөмүн, такай чыгармачылык байланышта бол, – деп Корголдун ырларынан ырдаткан. – Эми радиого барабыз, Балбайга сүйлөшүп койгом. «Акындын үмүтүндөгү» Токтогулдун баласын Эшмамбеттин угузганын жаздырабыз.
- Токтогулдун баласын Коргол угузганда, тарыхый нерсе бурмаланып калбайбы?!
- Ал көркөм чыгармадагы автордун эрки, – деп койду.
ТОКТОСУН ТЫНЫБЕКОВ
Токтосунду биринчи жолу 1954-жылы Дзержин көчөсүндөгү эски филармонияда, концерттен көрдүм. Эстебес менен эки колхоз тууралу айтышкам. Экинчи кезегимде Күболдуев Бейшенаалы, Ормонбек Асанов үчөө «Чайкама», «Маш ботойду» чертишти.
Бетме-бет 1957-жылы Жалал-Абад облусттук драма театрында иштеп жүргөнүмдө тааныштым. Эстебес экөө театрдын короосунда турган экен, Амантай Ниязалиев режиссер эле, андан суранып чыгып:
- Акелер таанышып алалы, жамактап ырдайм, атым Тууганбай десем, – Токтосун:
- Тууганбай болсоң аябай жакшы экенсиң, сен жергиликтүү эмессиңби, концерттин афишаларын шаарга жакшылап жабыштырып чык, анан таң атканча жакшылап тааныша беребиз, – деди.
Эртеси концерттен кийин Токтосунду, Эстебести,
Төлөштү театрдын эң белдүү кадырлуу адамы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Жумалы Сыйдалиев үйүнө мейманга чакырды. Эстебес Райкандын «Жинди суусун» биринчи ырдап барган, отурушта дагы. Ырдаттык. Жумалы:
- Токтосун иним, менин бир жарты жетимим бар, өзү кетментөбөлүк. Жамактап ырдап жүрөт, ушул тайымды бир сынап кетпейсиңерби? Токтосун барбалактаган неме экен.
- И, кана ырдап көрчү? – деп комузун сунду.
Жашымдан ырды баштадым, Жамактап сөздү аштадым.
Токо,
Өзүң берген кагазды
Тыягы,
Өлө-тала шашкамын.
Өнөрү мени азгырбайт,
Эстебес,
Экөөңөрдөн башканын. Өнөрүңөрдү алайын, Өзгөнгө чейин чаптадым. Өзөгүмө суу түшүп, Өлүп кала таштадым. Өзүңүзгө келүүгө, Өзүңөрдөн артканын.
Ортоңордо жүрөйүн, Оюмда ырды үрөйүн,
Ону кем отуз жаштамын.
Эстебес:
- Эмне дейт? – деди эле, Токтосун:
- Жыйырмада турбайбы, – деди. Төлөш Турдалиев келгенден бери эле төркү бурч жакта жамбаштап жатат. Ага да тийише кеттим.
- Төрдөгү Төлөш акенин Түшүнбөдүм жатканын. Эмгиче тура албайсың, Эсенби эки капталың?!
- Төрдөгү жолборско улагадагы күчүктүн үргөнүн көрсөң, – деди Төлөш. Комузду Током алды:
- Таанышымдай чунагым, Тайым эмес кунаным. Жүрө, жүрө байкасам, Жүгүрчүдөй сыягың.
Жулуңдаган жубармек,
Жуурулушса биз менен, Жүрүш-туруш кыялың.
Жылдыз мисал жайнаган, Жыйырма деген курагың.
Түшүнгөн менен сөзүңө, Түшүнө албай өзүңө Түпөйүл ойдо турамын. Кош сөздүүнү жактырбайм, Кошоматка чыланган. Өзгөлөрдү унутуп, Өзү жашап кубанган. Барпы, Коргол акындан Бала кезде дуба алгам. Кара жаак Калыктын Канатында сыналгам. Адал иштеп, ак жүрсөң, Агаң болом кубанган.
Элпек тили жүгүрүк.
Эстебесим жөлөгүм. Жанымдагы Тууганбай, Жаңы тапкан бөбөгүм. Өнөр, ырды эңсесең, Өзүм менен жөнөгүн. Керек болсо өнөрдүн Кечиремин тереңин.
Ал-чамаңча ырчы бол,
Биринчи, адам болгун дегеним. Алымкул, Калык, Осмонкул, Аттары ырда бир саптай.
Алар да бизди өстүрдү,
Ашыра сүйлөп, сынтакпай. Акынды издеп жүрөмүн, Артыман жетчү бурчатпай. Кебиңди түзөп беремин, Керексиз жерге чуркатпай.
Жалпыга чыккын биз менен,
Жалал-Абад шаарда тынч жатпай Антпесе калып каласың,
Алыска жетпес курч аттай.
Бирок ээрчип кетпей театрда эле иштеп жүрө бердим, шартка байланыштуу. Театрдын башкы режиссеру Амантай Ниязалиев:
- Сени театрга өзүм алдырбадым беле. Бизге да ырчы керек,– деп, чоң ролдордон бөлүштүрүп, театрдын деректири Адиш Көкөев шарты бар бир бөлмө үй берди. 1958-жылы да Токтосундун бригадасы келди. Шекербек, Бектемир, Эстебес, Керим бешөө. Анда дагы Током алып кетем деди.
- Артыңардан барып калам, – деп убада кылдым. Кантсе да чоң өнөрпоздордун ичинде басылып каламбы деген күдүк ой желелеп алды. 1960-жылы ноябрь айында Ала-Бука районунда оюн коюп жүрсөк Током бригадасы менен дагы келип калды.
- Кой сен ырдап айтканга болбойт экенсиң, ушул жерден жөн эле алып кетем.
Жетекчибиз Кемпирбаев Рыспек деген жигит эле.
- Деректириң Адиш Көкөевге айтып кой, мунун иши биз менен, Токтосун алып кетип калды де? – деп ээрчитип алды. Токомдор менен бир жумадай бирге жүрдүм. Абдыкеримов Насир, Чабалдаев Жапар, Жакшылыков Керим, Шекем, Сакен Бейшеналиевалар бар экен. Бир-эки жерден мени концертке чыгарышты. Токомдор менен коштошуп театрга келдим. Эми мени деректир тилдейт го деген ой менен барсам Адиш аке:
- Сен тыякка көңүлдөнүп алган турбайсыңбы, мейли, Токтосун, Эстебес акелериңди ээрчип ырдай бер? – деп улуксат берди.
1961-жылдын 6-мартында Токтосун филармонияга ээрчитип келди. Акмат Аманбаев деген композитор көркөм жетекчи экен, мени ырдатмак болушту.
- Кана, эмне өнөрүң бар? – деди Аманбаев.
- Максатым жамакчы ырчылыкта, агалардан үлгү алсам, өрчүтүп кетермин, – деп келдим.
- Бизде акындар толтура, а көрөкчө Атай, Мусанын ырларынан ырдай аласыңбы?
- Жок, ал жагына шыгым жок эле.
- Анда бизде орун жок жигит, капа болбо, – деп чыгып кетти. Аңгычакты эле Райкан келип калды, адабият бөлүмүнүн башчысы экен. Током тура калып:
- Раке, баягы Жалал-Абаддагы ырдайт деген балабыз ушул, Акмат обон ырдабайт экен деп албай койду. Өзүңүз бир көрүп көрбөйсүзбү? – деп калды. Райкан шар эле:
- Корголдун ырларынан билесиңби? – деп сурап калды.
- Билем, бирок калемпири көбүрөөк.
- Анда ургачы аттуунун баары чыга тургула? – деди. Коргол атанын ырларынан өз обону менен аткарып бердим.
Райкан:
- Ой бул даяр ырчы турбайбы, калганын улантып кетет, кетсе артынан издеп каласыңар. Токтосун деректирге мени айтты де, кабыл алсын! – деп Током экөөбүздү Жапар Садыковго жиберди. Ошентип Токтосундун кийлигишүүсү менен филармонияда иштеп калдым.
Током менен сахнада, олтуруш, мааракелерде көп эле айтышып ырдап жүрдүм.
- * *
1972-жылы февраль айында Чүй районундагы «Бурана» колхозунун башкармасы Абдрахманов Сүйөркул менин бригадамдагы артисттерди чакырып колхоздун отчёттук жыйналышына концерт койдурду. Токтосун экөөбүзгө чарбанын алдыңкы адамдарынын тизмесин беришти, тизмедеги адамдарды бөлүп алдык. Тизменин ичинде Апал деген ат бар экен.
- Апал бу, эркектин атыбы же аялдын атыбы? – деп сурап калды Токтосун.
- Билбейм, эркек го деп билмексен болуп койдум. Негизи Апал, Үпөл деген аттар кыздарга коюлат да. Током четинен мактап атат:
- Ачылган сайма гүлүм бар, Апал деген иним бар
- дегенде эле зал дуу дей түштү, күлүп атышат. Током эңги-деңги боло түшүп элеңдеп калды.
Сүйөркул тез-тез кат жазып мага сунду, окусам «Апал пенсионерка кемпир, курдаштарын уюштуруп кызылча багат» – деп жазыптыр. Мен Токомо:
- «Иним» дейсиң Апалды, Пенсионерка апаңды.
Болжобой туура ырдасаң, Болмоксуң Токо чапандуу.
Оюнчук кылбай туура айткын,
Олтурат кемпир сакалдуу, – десем, Током:
- Кемпирдин болсо сакалы, Айрый албай калыпсың, Атаң менен апаңы.
Сүйөркул жазып бергенсиң, Тууганбай алып келгенсиң Мени жаңылтыш үчүн атайы. Момунча элдин көзүнчө, Мойнуңа ал кылган катаңы. Мени,
Тамашага айлантпа. Болбосо,
Таанытып коём атаңы, – деп кутулуп кетти.
- * *
1977-жылы Токтосундун 50 жашка толгондугу белгиленди. Акын Сооронбай Жусуев юбилейлик комиссиянын төрагасы болду. Эл жыйылып, мейман күтүлүп жакшы өткөрүлдү. Телевизордон атайын берүү уюштурулду.
Ошондо төрт акын бир кезектен ырдаган элек:
Эстебес:
- Эл сыйлайт сендей чеченин, Элүүгө чыккан кезегиң.
Жашымдан бирге чоңоюп Жан курбуң болгон экемин. Кыдырып далай ырдадык Кыргыздын куттуу мекенин. Аталаш тууган сыяктуу, Андыктан жакын сеземин. Жаагынан жамак жуктурган Жашыңан Коргол көсөмүң. Орошон Калык чоң акын,
Оозунан берген шекерин. Ашыралы:
Оболу көргөн кезимде, Ошол күндөр эсимде.
Жаңы-Жол менен Аксууда
Жамактап жүргөн кезиңде, Сырдаштык эле аябай, Кыштактын туруп четинде. «Карашар тууган жок» – дедиң «Каргадай мендей жетимге. Өнөрүң өргө сүйрөдү, Өмөк бар экен сөзүңдө. Оозуңда ырың аркалуу Орден да болду төшүңдө. Тууганбай:
Жаңыдан көргөн чагымда, Жан агам али жадымда. Элүү төртүнчү жылынын, Так эле ушул айында. Элпек тил менен жарышып, Эстебес ырдап жаныңда. Кампайган толук жан элең, Казың бар эле карында. Азыр
Капкара чачың ак болду, Кайгырып ага таарынба. Бааланат түбү эмгегиң Бал тилиң, элиң барында.
Эрке ырчы кылды өзүңдү.
Элүүгө чыккан маалыңда.
Замирбек:
Жанымдай көргөн жан агам, Жакынсың жакшы санаган.
Кебиңден далай үйрөттүң, Кем көрбөй мени балаңан. Ээрчитип чыгып жаныңа Элеттен жана калаадан. «Көңүлдү бөлөт экен» – деп, Кубанып калчу ар адам. Калганын жөндөп кетпейби, Көрөңгө деген бар адам. Өзүңдөй акын болормун, Өтсө бир мезгил арадан.
Элүү жашка чыкканына байланыштуу «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наамга документ толтурулду эле. Ушак укма узун кулактарга «ичет» деген дагы жетиптир. Андан мурун деле көрсөтүлүп жаңкы жалаа менен ала албай жүрдү. 1970-жылдардан мурун кайсы бир өкмөттүк концертте министр эже: «Эмне кызарып турасың?» – десе, ичинде кири жок байкуш: «Майрам эмеспи 100 грамм ичип алдым эле», – деп коюптур. «Чатактын башы» «Көкөтөйдүн ашы» деп, болду ошондон кийин «ичет» деген атта калат. Эстебеске улам жаңы наам, сыйлыктарды берип атты, ага Током барбалактап сүйүнүп калчу. Атаганат адам кадырын билгендердин жоктугунан ал ошол өзүнө тиешелүү наамдардан да куру кала берген.
Токтосун «төрт аягы төп жорго» өнөрпоз болчу. Төкмө да, жазма да акын эле. 1965-жылы май айында, көлдүн күңгөйүндөгү бир айылда жалаң күү чертип таң атырган, он кызды уюштуруп, Москвада партиянын кайсы бир съездине концертке катышкан. Ал мыкты обончу жана аткаруучу эле. Жетимишке жакын обондуу ырлардын сөздөрү Токомдуку. Кыл кыяк тартып, үнүн кошуп ырдачу. Казактын домбурасын кадимкидей какшатчу. Өмүрүндө жанга кара санабаган, ак көңүл алпейим Током эми балдарынын сыйын көрүп, өнөр үрөнүн дагы чачарда 55 жаш курагында 1980-жылы 8-октябрда эли менен кош айтышып келбес дүйнөгө кете берди.
УЛУУ ИНСАНДАР БАЯНЫ
КООМДУК ИШМЕРЛЕР
Ж.АБДРАХМАНОВ
Сөз жок, Абдрахманов Кудайдын кунту түшкөн, рухий, моралдык жактан көзү ачык, көкүрөгү тунук, акылга март, күчкө карк адамдардын уркуна кирет. Өткөөл деп коюшкан коогалаңдуу мезгилде андай адамдарды «окуялар жазмышы» өзү обого көтөрүп чыгат. Бирок ободогу чабыты канча болмогу алардын адамдык кунар-наркы мезгилдин мүнөзүнө, «өмүр сайылган оюндун» эрежекаадасына канчалык шайкеш келет, ошого жараша болот. Тилекке каршы, керт баштын кызыкчылыгына көз кызарткан ал оюнда эреже-каада да жок, ким ар-намысын, азат-эркиндигин ардактап, өз абийирин басып, тумчуктурууга барбаса, оюндан чыгарылат. Чыгарылганда да ушунчалык пастык менен, аёосуз чыгарыл ат. Албетте, түбөлүк эмес, убактылуу. Албетте, духовный эмес, физикалык жактан. Ж. Абдрахмановду ошентишкен. Бирок мезгилден ашкан калыс сот жок. Ал ар нерсени эртедиркечтир талдайт, таразалайт, ордуна коёт. Ж. Абдрахмановду «эл душманы» катары атышты эле, эмки муундун эсине көкжал, азапкөй, баатыр болуп тирилди.
Таланттуу адамдардын өмүрү кыска болот деп коюшат. Ага мисал арбын кездешкени менен, албетте, ар дайым эле андай боло бербестир. Кандай болгондо да Ж. Абдрахманов толуп-толбогон 37 жашында жайрады.
Ал 1937-жылдын 4-апрелинде камалып, бир жарым жыл НКВД кыйноосун тартты, андан соң атылып тынды. Ага «Совет бийлигин кулатып, Кыргызстанды СССРден бөлүп, Англия ны багыт туткан буржуазиячыл-улуттук мамлекет куруу максатын көздөгөн оңчул троцкист уюмунун тутумундагы антисоветтик террорчу, чыккынчыдиверсиялык уюм – Социал-туран партиясына катышы бар» деген саясий жаасы катуу жалаа жабылып, уккан кулак үрккүдөй айып тагылган. Ойго келип, акылга жукпас андай жалаа, кыязы, аларга аз көрүнсө керек, ага үстөк кылып, «пантүркчүл борбордун жетекчилери менен байланышта болгон» айыбын кошо чаптаганга аракеттенген, кылмыш салмагын арттыруу үчүн Ж. Абдрахманов Англияга сатылып, бул жерде шпиондук кылып жүргөн «фактысы» кыял дан чыгарылган.
Кандуу кайгуулдан кабар берген жалган жалаа, кур айып ошентип жасалган, аны бүгүн, 60 жылдан кийин да үрөй учурбай, кыжыр кайнатпай окууга мүмкүн эмес. Ошентип ар кандай айла-амалдар менен алсыз, аргасыз адамдарды жарга такаган, ажалга айдашкан. Көздөгөнүнө жетип, көксөөлөрү сууган.
Ал кездеги саясаттын айрым багытына кулдук кылса да, эл үчүн негизинен үзүрүн берер деп үмүт үзбөй, канжанын аябай берилип кызмат кылган бийлик, кайрымжысын ошентип кандуу өкүм менен төлөгөн.
Курган бийлигин каражексур күчтүн колуна карматса, революция өз балдарын өзү жейт деген сөздүн калети жок.
Анын сөөгүн Койташ айлынын жанына тоо этектетип өзү сыяктуу бейкүнөө кайрандардын сөөгү менен бир чуңкурга түн жамынып көмүшкөн. Кыязы, желдеттердин кан дуу изи ошол бойдон караңгылыкка төнүп жоголот дешсе керек. Бирок «кыңыр иш кырк жылда билинет» деп коёт кыргыз.
Ошондой болду. Жарым кылымдан соң алардын атылган жеринен сөөктөрү табылды.
Өзүн-өзү жараткан адам
«Мен «туулган» адам эмес, жаралган жанмын. Өзүмдү-өзүм жараткам».
(Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүнөн)
Жусуп Абдрахманов ата-теги, чыккан жери жаатынан революциянын аркы өйүзүндө калышы ыктымал эле. Би рок ошол кездеги окуялар бороону кудум тоодон кыян жүрүп, сел алгансып, аны берки өйүзгө серпип таштады. Ал өзү да коом минтип аласалып, кырдаал кескин өзгөрүп турган мезгилде кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн революцияны колдоодон башка жол жоктугун тубаса акылы менен туйган. Андыктан кийин киши тааныгыс бузулган жактарын эмес, революциянын чыныгы идеалдарын турмушка ашырууга белсенип аттангандардын катарына кошулган. Ал өзүн революция жоокери саначу, анысы чын болсо, маршал болуу үчүн туулган жоокер экен.
Жусуп кандайча революциячыл күчтөр турган өйүзгө туш келип калды? Өзү айткандай, өткөн өмүр, көргөн күнүн аңтарып, ал тууралуу өзү да көп ойлонгон. «Мен революцияга революция душмандары турган тараптан (манаптын уулу) келдим. Аппак ниет менен келдим, бирок эмнеге келгенимди толук аңдаганым жок», – деп жазган ал.
1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин кыргыз эли Кытайга кырылып үркпөгөндө, ага улай Өктөбүр төңкөрүшү болуп кетпегенде анын тагдыры, балким, таптакыр башка түшмөк. 1916-жылы ал ата-энесинен, жакын туугандарынан түгөл кол жууду. Алардын эмнеден өлгөнү да белгисиз: ачарчылыктанбы же жазалоочу аскердин огунанбы – каргыш тийген ал жылдарда баарын күтсө болот эле. Ошентип көз ачып-жумгуча томолой жетим болуп чыга келди, ата-бабадан келаткан артыкчылыктан эчтеме калган жок. Кыргыздын кыйынмын дегендеринин табият ташы ошондой болчу: бир бороондук, бир жуттук, турмуштун чоңураак кырсыгына кабылса эле баарынан кагылып отуруп берчү.
Ырас, Жусуп эң чоң ырыскыга да эгедер эле: «аккан арыктан суу агат» дегендей, жететеги мыкты болчу, ошого жараша анча-мынча орус тилин билчү. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы орус-тузем мектебинен алган үч класс билими, көтөрүлүш кесепетинен Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайынан эки жыл эле окуп калганы 1917-жылы Кытайдан үркүп келгенде кыйла пайдасын тийгизди. Ал оболу Каракол гарнизонунун офицерлеринин атын багып, короосун шыпырып жүрдү. Андан нары өзүн-өзү такай таптап, куштап бышыруунун үстүндө болду. Жүүнү тирүү улан орус офицердин назарына илинип, аны менен кошо Верный шаарына кетти. Андан наркысын Жусуп өзү кыска так жазат: «Кызыл гвардия менен армиянын катардагы жоокери, комсомол уюштургуч, артта калган алыскы айылдарга партячейка уюштургуч, анан эле акыркы аккорд сыяктуу Кыргызстан ЭКК (Эл комиссарлар кеңеши – ред.) төрагасы жана Союздун БАК (Борбордук аткаруу комитети – ред.) Президиум мүчөсү. Ушунун баарына күрөш менен, оңбогондой оор, жапжалгыз тытынган күрөш менен жеттим».
Армияда кызмат өтөп жүргөндө ал аз жерден аскер мансабын кууп кете жаздады. Он сегиздеги жаш жоокерди ко мандирлер курсуна жиберди. Бирок ооруп калганына байланыштуу аскер кызматынан таптакыр бошонууга туура келди. Ошондон баштап анын мүлдө өмүр жолу, ишмердиги комсомолдук, партиялык, советтик, чарбалык иштерге чырмалышып, күжүлдөгөн күрөшкө, карсылдаган кар машка, алардын кайгы менен кубанычына ширелди. Ал аралашпаган, ал кыйыр да, түз да катышпаган ошол кез деги орчун окуялардын бирин да Абдрахмановсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Ошонун баарында анын көзгө чарпылган изи калган.
Ж. Абдрахманов ал мезгилде дээрлик Түндүк Кыргызстанды кучагына алган Жетисуудагы комсомолдук, партиялык уюмдарды уюштургандардын бири болгон. Россия коммунист тик Жаштар союзунун (РКСМ) Түркстан бюросунун Пре зидиум мүчөлүгүнө шайланган, РКСМ III съездине дел егат болуп катышкан, В. Ленин менен аңгемелешкен.
Кийинчерээк 1927-жылы партиянын Кыргыз областтык комитетинин VI пленумунда мамлекеттик аппаратты жергиликтештирүү маселеси каралат. Ошо пленумда Ленин менен аңгемелешкенин Жусуп төмөнкүдөй эскерген: «Съезддин чечими боюнча мен президиумга шайланып калдым. Докладды аяктап, танаписке чыккан кезде Влади мир Ильич күтүлбөгөн жерден мага кайрылып калды. Кайдан келгенимди сурады. Жооп бердим, бирок чынын айтайын, сөзүм оозуман түшүп калды, толкунданып. Ал кезде Лениндин эмгектерин окуй элек болчумун. Суроолорунун бири мындай болду: «Силерде орус калкы канча пайыз?» «Беш чамалуу»,– дедим. «Калгандары ким дер?» – «Казактар менен кыргыздар». «Сабаттуулар канча пай ыз?» – «Эки пайызга жакын». «Калгандар эмне, сабатсызбы? Аппарат, советтик аппарат кайсы тилде иштейт?» «Орус тилинде», – деп жооп бердим. Мен ойлопмун, арийне, орус тилинде иштейт да, аппарат кайдагы бир жергиликтүү тилде иштеши мүмкүн эмес да. Муну уккан соң Владимир Ильичтин өңү өзгөрө түштү да, мындай деди: «Жолдоштор, силер социалисттик революциянын алдында кылмыш кылып жатасыңар. Калктын көпчүлүгү түшүнбөгөн бөтөн тилде жүргүзгөн аппарат, көпчүлүк элдин зарына көңүл буруп, аларды чече албаган, андай аппарат масса менен байланышта боло албайт… Ошондуктан силердин милдетиңер: окугула, үйрөнгүлө, эч кечиктирбей силердеги советтик аппарат көпчүлүк элге өз боорунан бүткөндөй жакын болуп иштегенди үйрөнг үлө».
Лениндин бул сөздөрү Жусуптун жүрөгүндө өмүр бою сакталып калган өңдөнөт. Кийинчерээк, элди басмырттап аны күчкө салып иштеткендин түбү жакшы болбойт, тескерисинче, элди кызыктырып, зоболону көтөрүп, анын жаратман дараметине шарт түзүп берүү – ийгиликтин ачкычы экенин ал көп эскерткен. Жусуптун Ленин ме нен болгон диалогуна байланыштуу айта кетчү дагы бир пикир бар. «Аппарат кайдагы бир жергиликтүү тилде иштеши мүмкүн эмес», – деп Жусуптун оозунан чыгып кеткени анын ошол кездеги ишеничи болушу да толук мүмкүн. Ошентсе да, сөздүн мааниси тереңирээк. Европалыктар үчүн, дегеле башка келгин элдер үчүн жергиликтүү, айрыкча чакан элдин тили – чын эле «кайдагы бир» керексиз тил. Себеби ал тил башка улуттардын иштеген ишине, кадрларына таасир тийгизбейт. Кичине элдин тилин ким үйрөнөт? Биринчиден, жогорку маданияттагы адамдар. Алар үчүн кошумча дагы бир тил билип алуу – чоң байлык, табылга. Экинчиси – жергиликтүү тилден башка тил колдонулбаган чөйрөдө жашап, ошол шартта туулуп өскөндөр. Алар аргасыздан үйрөнөт. Үчүнчүсү, жергиликтүү тилди билүү адамдын кызматында жогорулаш үчүн кажет болсо же анын алган айлыгына үстөк кошулуп, аны кызыктырса, ошондо үйрөнөт. Калгандар үйрөнүүгө аракет кылбайт. Советтик аппаратты жергиликтештирүү саясаты башталганда тил билгендерге кошумча акча төлөнчү экен. Ошол кезде окуй башташкан. Кийин ал үстөк акыны алып салары менен кыргыз тилин үйрөнгөндөр кескин азайган. Бул да тажрыйба.
Жусуптун зиректиги, кайраты, мээнеткечтиги назарга дароо эле илинчү экен. Ал Жетисууда аскер кызматында жүргөн кезде Абдыкадыр Сыдыков менен таанышкан экен. Жусуп а кишиден 12 жаш кичүү болсо да бири-бирине жылдызы жанып, жакындашып, экөөнүн ортосундагы жылуу мамиле, ар кандай шартка, ушак-айыңга, саясий кысымга карабастан, өмүр бою сууган эмес. Ал кезде сабаттуу адам партиялык ишти эртерээк баштап, көзгө көрүнүп калган А. Сыдыков кокустан таап алган инисине караан болуп, акыл-азарын айтып жүрсө керек. Жусуп 19 жашында партиялык кызматка которулат. Алматы, Талдыкоргон, Каракол, Пишпекте иштейт.
1924-жылы Түркстан АССРинин өкмөтү – Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун мүчөсү, анын секре тары болуп шайланат.
Ушул мезгилдерде Орто Азия калктарынын тагдырында чоң роль ойногон чек ара тактоо, мамлекет түптөө иштеринде анын өтөгөн кызматы баа жеткис.
Көп узабай Партиянын Кыргызстандагы областтык уюму түзүлө турган болгондо Фрунзеге жиберилип Кыргыз Облпартбюронун жооптуу (экинчи) секретары болуп дайындалат. Бирок Москва тараптан жиберилген биринчи секретарь М. Каменский менен көп маселе, айрыкча кадрлар саясаты боюнча пикирлери келишпей калат. Каменскийдин аны жамандаган арыз-даттануусуна карабай Жусупту РКП(б) БКнын Ташкендеги Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүм башчысынын орун басары, төрт айдан кийин Москвага ВКП(б) БКнын инструктору кызматына которушат. Бул кызматтар анын Орто Азия, бүткүл эле Советтер Союзундагы саясий, чарбалык абалды терең түшүнүүгө чоң өбөлгө болот.
1927-жылы бар болгону 26 жаштагы Жусуп Абдрахмановго алгачкы кыргыз өкмөтүнүн башчысы болуу тарыхый сыймыгы туш келип, Кыргыз АССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындалган. Бул кызматта алты жыл иштеп, көптөгөн жылдар бою курулуп, азыркы муундун энчисине өткөн мамлекеттик түзүлүштүн жаңылыгы жагынан, масштабы жагынан өмүрү болуп көрбөгөн пай дубалын курууну жетектеген.
Кыргызстан аймактарына алгач түшкөн өнөр жай ишканалары, транспорт, суу чарба курулуштары жана башк а көптөгөн объектилер ушу кишинин түздөн-түз катышы менен курулган же курула баштаган. Кыргыз жаңы маданиятын жаратуу иштеринин башында да ушул киши турган.
1933-жылы Ж. Абдрахманов кызматтан бошотулуп, Самарага, андан соң Оренбургга айдалган.
Жазага айланган эрдик
«Факт аргада жок акмакты да акылдуу кылат».
(Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүнөн)
В. И. Ленин көз жумгандан кийин Советтер Союзунда социализмди кандай жол менен канча мөөнөттө куруш керек деген маселенин айланасында кызуу талаш-тартыш башталат. Алардын ичинде эң негизгилердин бири айыл чарбасын социалисттик шартта кантип көтөрүү керек деген ма селе болгон.
Ленин өмүрүнүн акыркы жылдарында кооперация формасына көп көңүл бурганы менен аны уюштуруу ыкмаларын конкреттүү түрдө чечмелегенге үлгүрбөй калган. Анын эмгектериндеги кооперация – бириктирүү, жамааттын орток менчигин түзүү деген эмес, кыргызча айтканда
«колкабыш» деген мааниге көбүрөөк жакын. Бирок аны Сталин өз билгенинче чечмелеп эмгек куралдары менен жерди туташ коллективдештирүү, айыл чарбадагы жеке менчикти жоюп, кулактарды тап катары жоюу саясатын жүргүзө баштаган.
Н. Бухарин баш болгон партиянын жетекчилеринин бир тобу буга каршы чыгып, Лениндин жаңы экономикалык саясатынан толугу менен чегинбей, план менен рынокту айкалыштырып, коллективдештирүүнү дыйкандардын өз ыктыяры менен жүргүзүп, таптык күрөшкө басым кылбастан ынтымакты чыңдоо керек, бюрократиялык аппаратты көбөйтпөй, калайыктын өз мүдөөсүнөн чыккан инициативага таяныш керек деген позицияда болушкан. Күндөлүктөгү, айрым ойлоруна караганда Абдрахманов да экинчи альтернативага ниеттеш болгонун баамдоо кыйын эмес.
Бирок ал кезде Сталин күчүнө келип, партиянын Борбордук Комитетин жеке куралына айланта баштаган кез эле. Өзүнө каршыларды акырындан саясаттан четтетип, кээ бирлерин жогото баштаган. Теориялык жактан сабаты тайыз, бирок жергиликтүү партия уюмдарын башкарган активге таянып, акыры Сталин өз линиясын таңуулап «жеңип» чыккан. Жеке менчик кулактар, ал эмес оокаттарына бышык орто дыйкандар жоготулуп, же башка жерлерге сүргүнгө айдалып, каалаганына каалабаганына карабастан колхоздоштуруу башталган. Терең ойлонулбаган бул экспромттун түбү жакшы болгон жок. Ал улуттук трагедияга айланып, куну кымбатка турду, анын капшабы Кыргызс танга да тийди.
1932-жылы Кыргызстанда дан даярдоо планы аткарылбай калышы адегенде кадрларды ыгы жок касаптоого, андан соң камап-кыруу башталды.
ВКП(б) БК 13-май, 1933-жылы «Кыргызстанда дан азыктарын ысырапчылыкка жана уурдап жок кылууга жол берилгендиги жөнүндө» атайын токтом кабыл алды. Ошол эле жылдын сентябрында БК Кыргызстан партия уюмунун маселесин карап, бир катар жетекчилерди, алардын ичинен Абдрахмановду кызматтан алып, партиялык ишин ВКП(б) Борбордук Көзөмөл комиссиясына тап шырды.
ВКП(б) БК токтомунда Кыргызстан партия уюму ошол кездин ыкмасы менен аёосуз токмоктолуп, мамлекетке каршы багыт, таптык көз караштан таюу өңдүү кендир кесме айыпка жыгылган. Кийинки «бир добуштан колдойбуз!» деген кокуй көрүнүш ошол мезгилде түптөлө баштагандыктан БК чечими Кыргызстан обком бюросунда толук колдоо тапкан. Ага кошумча, Абдрахманов партия саясатына, колхоз түзүлүшүнүн жеңишине ишенбейт, улутчулуктун контрреволюциячыл жол-жоболорун колдойт деген айыбы тагылган.
Кыргызстанда дан азыктарын даярдоо планы аткарылбай калышына себеп-жөн көп болчу. Ал тууралуу тарыхчылар арбын жазды. Бул жерде анын дагы бир жагын жарык кыла кетүү туура болуп турат.
Жогоруда айтылгандай Сталиндин авантюристтик агрардык саясаты 1932–33-жылдары бүт өлкөнү катуу ачарчылыкка каптатты. Украинадан, Казакстан менен Сибирге чейинки кең аймактагы калк айрыкча азап тартты. Миллиондогон калк боо-боо түшүп кырылып жатты, миллиондор бир сындырым нан издеп түштүккө акты. Негизинен Казакстан менен Сибирден азып-тозгон 130 миңден ашуун адам Кыргызстанга жер ооду.
Ал учурда Кыргызстан өзү деле жыргап турган эмес. Кийин окумуштуулар аныктап чыккандай, дан даярдоо планы Кыргызстанга асмандан алынып, ойдон чыгарып таңууланган. Иштин реалдуу абалы эске алынган эмес.
Анысы аз келгенсип, план аткарабыз деген курулай аракет менен көптөгөн райондордо түшүмдү зордуктап тартып алуу күчөгөн. Колхозчулардын колунда эптеп-септеген ашкатык калган. Айылдарды ачарчылык жышааны аралап, адамдар шишип-көбө баштаган. Кызылча айдоо, була өндүрүү багытындагы чарбалар алган продукциясынын ордуна дан эгиндерин талап кылган, бирок ал жетишсиз болчу.
Республика жетекчилери аткарууга мүмкүн болбогон жерлердин планын аздыр-көптүр азайтууга аргасыз болгон, ачарчылыктан кырылып калбасын деп, анча-мынча соода кылууга, үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген. Бул кийин «ысырап кылуучулук» катары бааланган.
Ж. Абдрахманов ушул маселеге байланыштуу жазган түшүнүк катында дан даярдоо боюнча Кыргызстанга таң ууланган план-милдеттенмени аткарууга эч мүмкүн эместигин жазган. Айрым райондорго дан азыктарын сатууга уруксат бергенин моюндай келип, ал: «1932-жылдын жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп көчө баштады. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житим көп болду. Бул көптөгөн жетекчилерди, анын ичинде мени бир топ чоочутуп салды» деп жазган. «План аткаруу кыйынчылыгын Шахрай, Исакеев үчөөбүз талкуулай келип, мен: «План аткарбады деп, кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейли» дедим. Алар макул болду».
Абдрахманов кабылган балакеттин башкы себепчиси ушул. Бүт мамлекет масштабынан караганда дан даярдоо боюнча Кыргызстан үлүшү анчалык деле эмес. Дыйкандардан тартып алынган түшүм, балким, башка региондорго анча-мынча эш болмок, бирок анда Кыргызстанды ачарчылык каптап, жүздөгөн миң адам кырылып калмак. Тарыхчы К. Усенбаевдин эсеби боюнча 1916-жылдагы кызыл кыргындан түндүк кыргыздарынын эле 41,4% жок болуп, ошол кезде жарым миллионго жетпеген калк бул экинчи кандуу эпкинге туруштук бермек эмес. Үркүндө жарымынан ажыраган эл ачарчылыктан тукум-курут болбосо да, үркөрдөй болуп, өз өлкөсүндөгү азчылык, байыркы элдин бир ууч калдыгы болуп калмак.
Арийне, партия саясаты менен колхоз түзүлүшүнө ишенбейт сыяктуу, Абдрахмановго тагылган партиялык айып тарда акыйкат үлүшү жок эмес, бар. Жазган күндөлүгүнө караганда ал, албетте, бүт өлкөдөгү, анын ичинен Кыргызстандагы социалдык-экономикалык түп көтөрө кайра куруу зарылчылыгын жактайт. Ошол эле учурда партия жетекчилигинин экономика саясатындагы «валюнтаристтик төкмөлүгүнө» ишенбей тургандыгын (айрым учурда макул эместигин) жашырбайт. Иштин көзүн тааныган киши катары ал кайсы гана жаңы түзүлүш, жаңы демилге болбосун, эл кызыкчылыгын көздөгөндө гана элдин колдоосуна ээ болорун жакшы түшүнгөн. Андыктан ал дыйкандар менен жумушчу табынын, өлкөнүн түркүн калктарынын акылга сыйып, сезимге жугарлык табигый союзу тууралуу көп кеп кылган. Ал келечек муундардын эсебинен азыркы жакшы турмушту куруу мүмкүн эместиги сыяктуу эле бүгүн жашап аткандардын кунуна жаркыраган келечек курулбай тургандыгын жакшы түшүнгөн. «Наны жок колхозчу менен ДнепроГЭС, жакыр казак менен Магнитог орск» өңдүү акылга сыйбас сөз айкалыштары аны ыңгайсыз абалга калтырган. Ошол сыяктууларга ой калчай келип, ал: «Келечек жыргалчылыгы үчүн биздин муундан, биздин замандаштардан эң көп курмандыктарды талап кылабыз! Большевиктердин колунан келген нерсе дыйкандардын колунан келбейт. Биздин жолбашчылар акыйкаттын ушул алиппесин билишсе болмок. Мужуктар өзүбүздүн арка-моюнду өзүбүз астыбызга калтыра турган акыбалга жеткирбесе болду» деп жазган.
Ошондой болду. Жаркыраган келечек үчүн эл өмүр бою курмандыкка чалына бергенден жадады. Кеч болсо да, кыйыр болсо да, ал бийликтин аркасын алдына калтырды. Тагдырдын тамашасын кара, ал мужуктарды акыр аягына чейин талап-тоноп, ажалга эртелеп айдабаганы үчүн Абдрахмановдун өзүнүн арка-мойнун астында калтырышты.
Улуттук өз алдынчалык жана мамлекеттүүлүк башатында
«Мен киммин? Социалисттик түзүлүштүн көк, өжөр кара жумушчусумун…» (Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүнөн)
Жусуп Абдрахмановдун бирден-бир эмгеги – советтик тариздеги жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында туруп, дал ошол тагдыр чечкен маселеде түркүк болуп бергендиги. Анын бул багытта жасаган иштери менен сиңирген эмгегине татыктуу баа бериш кыйын.
Ал Орто Азиянын улуттук мамлекеттерге бөлүнүшүнө баш-оту менен киришкен экен. Улуттар бири-бирине кырданып, тарых, укук, геодемографиялык маселелер боюнча жетиштүү билими бар кыргыз адистер көздөн учуп турган оор шартта Абдрахманов улуттун чамгарагын колу жеткен жерге чейин көтөргөн. Эгер кошуна элдер бир аз калысыраак болгондо чек араларыбыз да мүмкүн башкачараак болмок окшойт.
Жаш болсо да, өз алдынча улуттук автономия түзөбүз дегендердин ичинде теория, саясат боюнча эле бараандуусу да Ж. Абдрахманов болуп, алгач Тоолуу республика деген идеяны көтөрүп чыккандардын арасында, кээде улуул арды алдыга чыгарып, шыктандырып аркасында турган. Ошолордун аракетинен улам РСФСРдын составында Кара-Кыргыз автономия лык облусу (1925-жылдан Кыргыз АО) түзүлгөн.
Кыргыздар Казак АССРине кирген мамлекеттик статусунун, экономикасы менен маданиятынын келечеги опурталдуу болуп каларын чечекейдей түшүнгөн Жусуп Абд рахманов өз өлкөсүн РСФСРдын составында түзгөнгө жан үрөгөн экен.
Экинчи жагынан казактарга кошулса, кыргыздардын улуттук аң-сезими үбөлөнүп кетиши бар эле. Себеби, көптөр алардын ичинде кээ бир кыргыздар да, а кезде кыргыз менен казакты бир эле эл деп түшүнчү.
1926-жылы Кыргыз автономиялык облусу автономиялык республикага айланбадыбы. Ж. Абдрахманов өз тилектештери менен бирге эми Союздук республиканын статусуна жетишүүнү максат кылып алды. 1929–30-жылдарда Сталинге жазган каттарында ал улуттук саясаттын теориясына, учурдагы социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн кырдаалына астейдил таянып, Кыргыз АССРин союздук республикага айлантуу маселесин койгон.
Ал үч жакка «телинген» республиканын (Орто Азия – РСФСР – СССР) азабы башынан ашып, «эбегейсиз мүмкүн чүлүктөрүн пайдаланса, коңшу республикалардын катарынан калбай, керек болсо алардын алдына чыккандын ордуна, алардан ондогон жылдарга артта калып жатканын, мындай жагдай дыйкандардын дымагын өчүрүп эле тим болбой, наркы Кытайда жашаган кыргыздарга тийчү таасирин кетирерин» ачык жазып чыккан.
Сталинге жазган катынын көчүрмөсүн Кыргыз обкомунун бюро мүчөлөрүнө, Союздук республика түзүү бо юнча чечим чыгарып БКнын Ортазбюросуна кепилкат жөнөтүү максатында таратып берген. Анын бул аруу тилеги алты жылдан кийин, өзү Оренбургда сүргүндө жүргөндө гана ишке ашыптыр. Кыргызстан ошондо барып СССРдин составында союздук республика катары орун алган. 1991-жылы колубузга тийген эркиндиктин да түпкү теги, конституциялык укук негизи да ушул тарыхый окуяда жатат. Эгер ал ишке ашпай калганда биз Каракалпак өңдөнүп же Казакстанда, же Өзбекстанда автоно мия луу республика ка тары кала бермекпиз.
Жалгыздык жапаасы
«Алтымыш досуң болсо да, ар жалгыздык башта бар.
Бирок менден ашкан жалгызды издеп табууга мүмкүн эмес.
(Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүнөн)
Бул, албетте, «нукура философиялык» толгонууга жатат. Дегинкиси, кай адам болбосун жалгыз экени чын. Башкалар сыяктуу эле анын урук-тууганы, балдары, достору, жакшы санаалаштары болгон. Ал пайгамбар болбогондуктан, катардагы адамдар кантип жашаса, ошондой эле жашаган: сүйгөн, күйгөн, кубанган, кайгырган, жаңылган, күрөшкөн, жеңген, жеңилген. Бирок ойлогон ою, бет алган багыты бийик адам катары өзүнүн өрттөй жанган табиятына, сейрек кездешчү интеллектуалдык күч-кубатына талапты катуу коюп, тоодой катуулугу, өзүнө болгон аёосуз мамиле да ошондон.
Тирүү кезинде да, өлгөндөн кийин да аны уюшма топ, улутчулдук менен баймабай айыптап келишти. Бирок ал өз мезгилинин догматикалык стереотип ордосуна аралашкан эмес. Ооба, уюшма топ кармаштарына активдүү катышкан, жаасы катуу ал жылдарда катышпай, кайда кутулмак? Арийне, анын күрөшү эл таламын ар дайым эң биринчи койгону менен, жек-жааттык, уруулук же жердештик кызыкчылыкты талашкан кыргызчылык ит оорудан алыс болгону менен башкалардан аттын кашкасындай айырмаланып турат. Анын көкүрөгүнүн «көкөй темири» элдин келечеги болчу, андыктан ал ишенимдүү жол, ошол жылдардын акыл чендеп, ой бойлобос татаал тапшырмаларын бирге чечүү үчүн ишенимдүү тилектештерди издеген.
Ал мезгил кадрларга анчалык карк эмес болучу. Ага колдо бар кадрлар менен гана иштешүүгө туура келген. Саясий аренага жаштар аралаша баштаганда бийликке идиректүүлөрүн тандап тартууга аракет жасаган (албетте, анысы ар дайым эле оңунан чыга берген эмес, анткени кадр лар тагдыры партия органдарынын карамагында болчу). Э. Эсенаманов, Т. Айтматов жана башкаларды ал кандай баалаганы белгилүү. Турмушта болуп келген жана боло жүргөндөй жергиликтүү кадрларга болгон андай камкордук көптөрүнө жага берген эмес. Айрым «жытчылдар» андан улутчулдукту таап жиберген. Андай кыйкым азыр сөз кылууга да арзыбайт, анткени ал мезгилде «улутчулдук» деген түшүнүктүн абийирин кетирип, ашмал тайын чыгарып салышкан. Уюткулуу уңгусунан айрып, саясий таймаштардын үрөй учурган куралына айландырган, аны каратүнөк күчтөр катыра пайдаланган.
Ал улутуна карап эмес, жүрөгүнүн каалоосуна, милдет-борчунун тандоосуна жараша дос-жоро күткөн. Казак кызына үйлөнүп, еврей аялды сүйгөн. Кай кызматта иштебесин, кай жерде жүрбөсүн сөз менен да, иш менен да бир да башка калктын кадыр-баркына көлөкө түшүрбөгөн чыгаандары жөнүндө сөз кылганда алардын улутун унутуп калчу.
Абдрахманов жаралган жасаты боюнча накта интернационалист болчу. Андай касиет башка улуттарды бастырмалабай туруп, өз элинин арбайын көтөрүүгө, анын таламын талашып, кызыкчылыгын коргоого жакшы жагдай болуп бергенден башка зыянын тийгизген эмес.
Күндөлүктөрүнөн көрүнүп тургандай, анын жеке турмушундагы жана кызмат абалындагы «жетишпеген жактарын» жаралган жасатынын ошондойлугуна же чоң болуп чочоңдогондордун чыргоолугуна жамай салууга эч мүмкүн эмес. Алар өз кызыкчылыгынан алда кайда алыс максаттар менен ойлордон от алганы Абдрахманов үчүн эреже катары иш болчу.
Атургай «катуу сүйүп калган» Мария Яковлевна Натасон экөөнүн ортосундагы бир топ татаал мамиледен да рухий изденүүнүн, бир жагынан, үй-бүлө алдындагы, партиялык этика, традиция алдындагы, милдет-борчу, экинчи жа гынан, анын бакыт жөнүндөгү түшүнүгү ортосунда чарпылган орошон ойлордун илеби уруп турат. Үй-бүлөгө баш-оту менен байланган адам болгон, балдарын жанындай жакшы көрчү экен. Ал кумардын көз ирмем азгырыгына эч качан алданган эмес, аны таптакыр башка сезим – көздөгөн максатка жетүү үчүн жөлөк-таяк күтүү сезими жетелеп алган. Жусуп өзү да «мага экөөбүздүн ортобуздагы мамилени дегеле эч ким түшүнбөчүдөй сезилип кетет» деп белгилейт. Антип айтышынын себеби да бар эле. Тек гана ушак, айың эле эмес, «Абдрахманов оппозиционер Натансон менен байланышта, анын толук таасиринде жүрөт» деп тоголок кат жазган көрпайлар да болгон. Экөөнүн ортосундагы мамиленин маани-маңызын Жусуп «революциянын жалпы иши үчүн», «бүт элдердин ичиндеги эң бактысыз калктын кызыкчылыгы үчүн» деп патетиканын жетер жерине жеткирет. Анын милдет-борч тууралуу дүйнө таанымы аларды эки айрылыш жолдун тоомуна алып келди: «же турмушту башкалар сыяктуу эле жөндөө, башкача айтканда, мүнөттөр менен, күндөр менен жашоо», же же текчилик кызматтан кетүү абалы, ал акыркы жолду тандай жаздады. Бирок тагдыр башкача жаскап-тескеди. Экөөнүн жолу бир түшүп, бирге жашап калса, келечектеги тагдыр-ташы кандай жүрүш алар эле, алдыдагы алааматтан аман сактап калар беле, жок беле, ким билет? Ал тууралуу ар кандай ой жоруса гана болот. Бирок Жусуп башын сайып, өмүрүн сарп кылган жол өзүн актабады. Жандүйнө жалгыздыгынын жапаасына дагы бир тагдыр тамам кылар жапаа кошулуп, режим кулдарынын колунан окко учуруп, опоот кылды.
Абдрахманов күндөлүктөрүнүн аягына: «Көптөрү мени тамырын терең жайган улутчул дешет. Менин улутчулдугум кайсы? Бирөө да суроо коюп таап бералбайт. Антип өзүнүн ашкан интернационалчылдыгын, коммунисттик тайбастыгын иш жүзүндө далилдеген адамдар айып такса эч нерсе эмес эле. Жүйөлүү болмок. Бирок… улуу дөөлөтчүл шовинисттер менен улуу дөөлөтчүл шовинисттердин көчүгүн жалаган көшөкөр, маңбаш, миң кубулма кыргыздар мени улутчул дегени күлкүдөн башка эч нерсе чакырбайт» деп жазат.
Катуу айтылган, бирок түшүнсө болот. Канткенде жогор жактын көрсөтмөсүн жаңылбай аткарамдан башка башында бүдүр санаа жок Борбордун укуругу узун өкүлдөрү өздөрүнүн айланасындагы жетекчилик кызматка айткандарын «айт» дегиче аткарган адамдарды каалаган. «Жолбашчылар» жооп айткандарды жоо саначу. Түптүү улуттун түркүгүн коргоо аларга улутчулдук болуп көрүнгөн.
Арбайы бийик айкөлдүк
«Күн нурлары менен бардыгын тек ши эркелеткен Азия суук, сүрдүү тарта баштады».
(Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүнөн)
Абдрахмановдун ойлогон ойлору менен аткарган иштерине астейдил акыл айланткан адам анын башкаларга болгон мамилесинин ачыктыгы, тактыгы, талапты катуу койгонунан жана бир башка жагдайды – тубаса касиеттеринин тунуктугун байкайт. Албетте, максат айкындыгы, каармандык менен калбааттык, чынчылдык анын эң башкы адамдык сапаттарынан эле. Абдрахмановдун турган турпатынан көпчүлүк жетекчилерге мүнөздүү майдалыкты, коркоктукту, кекчилдикти, сагызган сактыкты кезиктирүү кыйын. Кызмат абалына жараша ал далай адамдар менен кездешкен, иштешкен. Алардын айрымдары менен ажырашкан, айрымдары менен жанашкан, жарашкан, айрымдарын аёосуз, айрым учурда туура эмес сындаган, арийне, анын бардыгын ачык айтчу, бардыгын иштин кызылдай кызыкчылыгына жасачу. Аны бийликтин арам оюндарына аралаштыргысы келген күчтөр да чыккан, бирок андай шылуун-шумдардын күбүр-шыбырына эч качан кулак каккан эмес. Мындай касиетке уюткусунан жалгаган улуу кишилер гана эгедер болот.
«Ким биз менен жүрбөсө, ал биздин душман» деген экстремисттик принцип Абдрахманов үчүн таптакыр жат болгон. Ал кандай кырдаалда болбосун адам бойдон калган, калк акылмандыгын кадырлап жашаган.
Ушунун өзү саясий таймаштарда адамкерчиликтен эч качан тайбагандыгын, кан кызыткан кармаштын эки өйүзүндө болуп калышса да, чогуу иштеп, чогуу жүргөн адамдар ор тосунда көпүрөнү өрттөбөгөн өзгөчөлүгүн көрсөтөт. Андай сапаты үчүн аны далай кыйкымдашкан, сындашкан, шек санашк ан, айыпташкан. Ал мезгилдин белгилүү ишмерлери Худайкулов менен Бабаханов партиядан куулуп, экөөнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп жаткан учурда барып, жай сурашып койгону үчүн эле обком бюросунун бир кеңешмесинде катуу каккы алган.
Бийлик касабына калган адамдар менен жолугуп кой гону үчүн эле кааптамай сыяктуу жийиркеничтүү адат ошол учурда башталып, ушул кезге чейин коомдун нравалык шүйүн качырып келет. Биринчиден, бийликтен ыдык көрүп, куугун жегендердин ак-карасы ылганбай эле коомдон кодуланып, алар менен, атүгүл үй-бүлөсү менен жолугуп, жай сурашып койгондор кутулбас куяга калгандыктан, көпчүлүгү качып өтүүгө аргасыз болгон. Бу – жазанын үстүнөн дагы бир жазага айланды. Экинчиден, андай касапка калбас үчүн бийлик ээлерине кул сыяктуу куйрук кысмай, көшөрлөнмөй, айтор, кандай гана пастык менен болсо да кызмат тизмесинде эптеп кылтылдап илинип күн көрмөй психологиясын жаратты.
Ортолорунда көп пикир келишпестиктер болсо да Абдрахманов ага болуп калган, илгерки улуу кызматташы Абдыкерим Сыдыковго ардактап мамиле жасаганы, партия лык курулуштагы алгачкы таалим-тарбияны ошо кишиден алганына байланыштуу аны ар дайым «устатым» деп атаганы белгилүү. Ата жосундан калган андай ыйман-ызааты үчүн Абдрахманов далай кендир кесме сынга туш болгон. Сыдыковдун үй-бүлөсүн Ташкенттен Фрунзеге көчүрүп келүү үчүн Совнарком төрагасынын атайын вагонун бергендиги, кийин, «Абдрахманов иши» ачылганда душмандары тарабынан айныгыс далил катары кармалып, Абдрахмановдун улутчулдугун ашкерелөөгө кызмат кылган.
Ажал отун маңдайга такап турганда да Абдрахманов тууру бийик тууралыктан кайра тарткан эмес. СССР прокурору менен СССР ички иштер Эл комиссары Ежовго 1937-жылдын 27-октябрында түрмөдөн жазган арызында ал: «Мени суракка алган тергөөчү гражданин Зеликман мага таасир берүүчү атайын ыкмаларды колдонуп, эсучумдан ажыраганга чейинки акыбалга жеткирип, андан соң эч кандай сураксыз эле өзү алдын ала даярдап келген сурак протоколу дегенге зордоп кол койдурду» деп жазат. Ан дан нары ал өзүнө коюлуп жаткан айыптарды танат. Кеп төркүнү, албетте, анда эмес. Ал ошол протоколдордо аттары аталган көп адамдарды мен контрреволюциячыл уюмдардын катышуучулары катары билет имишмин. Чындыгында алардын көпчүлүгүн таптакыр тааныбайм, атүгүл алардын аттарын биринчи Зеликмандан уктум» деп, айрыкча баса көрсөтөт. Ж. Абдрахманов протоколдорго коюлган колунан баш тартуу менен ал материалдарда аталган адамдарга сот болуп калса, мени айтты дегендер «аларга коюлган айыптын далили катары каралбасын» суранат.
Өз тагдыры жөнүндө маселеге келгенде, ал катынын акырында гана Оренбург облустук НКВД башкармалыгынын начальнигине жазган арызы менен таанышып чыгууну өтүнүп, «өз ишимде контрреволюциячыл жагдай бар деп эстегенимди ошондо айткам жана кандай жоопкерчилик болбосун, аны тартууга даярмын» деп сыпайы эскертет.
Зеликмандын сурак ыкмасы ал кезге мүнөздүү болгондугун биз бүгүн жакшы билебиз. Суракка кабылган адамдарды акыл-эсинен танганча кыйнап, жасабаган кылмыштарды жасады кылып алдын ала даярдалган кагаздарга кол койдуруп, анысын тагылган айыптын айныгыс далили катары тутушкан. Бул жаатынан Абдрахмановдун жогорку катынын терең мааниси бар: мындай көзү жок эрдикке көрүнгөн эле баралбайт, башкалардын кызыкчылыгы үчүн өз тагдырын көрүнгөн эле киши тобокелчиликке салалбайт. Кутулбас жазага тутуларын билип туруп жасады. Берилген жаза туурабы, туура эмеспи, башка кеп.
Ооба, андай айкөлдүк тандамал адамдарга гана берилер шарапаттуу ырыскы, Кудайдын кунту түшүп, кан-теңи менен кошо жараткан касиет. Ал адамда бар болот, же жок болот, жете тегинен буйурбаган андай насипти өзүндө бар кылып көрсөтүү бети жоктордун куру далбасасына жатат.
Нөөмөт
«Тегирменге деле нөөмөт келет турбайбы, чындыкка да нөөмөт келет». (Толубай сынчы)
Сталиндин террор машинеси улут рухун биротоло тепсеп жок кылалбады, кылалмак да эмес. Бирок ал аны аябагандай алсыратты, чарчатты. А алсыраган рух ыймандын изги багытынан айнытып, эркиндик эңсеген эркти мокотот. Зордук менен зомбулук калктын кайратын кагып, үрөй учурган коркунучка кептейт. А коркунуч деген эки жүздүүлүк менен коркоктук, сайпаначылык менен саткынчылык, нравалык ирип-чирүү менен көрүнгөн бийлик ээлерине көчүк жалап кызмат кылмай, дагы-дагы ушулар сыяктуу моралдык «отоо чөптөрдүн» чайлап-коолап өсүшүнө шарт түзөт.
Андай атмосфера адамдык кунар наркты жоготуп, ырайымсыз башкесер болобу, кулак кескен кул болобу, жаны жок жырткыч болобу, айтор, адам денесин каалаганын каалагандай жасап ала турган ылайга айлантат. Андан да эң кайгылуусу – адам өзүн качан, кантип өзүн жоготконун, күйүк беттерге кандайча малай болуп калганын өзү түшүнбөй калат, атургай анысына сыймыктанат.
Улут рухуна доо кетирип, анын уңгусун иритип-чириткен, адам эркиндигин аласадай көргөн, кадыр-баркка какырып да койбогон, айтор, адамды адам кылган сапаттарды тебелеп-тепсеген режим калк алдында да катуу кылмыш жасайт, аны эч кечирүүгө мүмкүн эмес. Ага өтөр иш өттү, кетер иш кетти деп кол шилтегенге да болбойт. Не дегенде, андай режим атсаң да өлбөйт, эртең эле кой терисин жамынып, мурдагы дөөлөт-сөөлөтү менен койкоңдоп чыга келет.
Улуу урктагы адам жөнүндө жеке ыкыластан чыккан ойлорумду жыйынтыктап жатып, өзүмдүн алсыздыгымды, аргасыздыгымды ойлодум. Биз бүгүнкү урпактар алдыдагы улуу адамдарыбыздын өтөгөн эмгегине, өткөргөн сабагына жараша кыргызбайлык кылбай, калыс, акыйкат баалай албастыгыбызды ойлодум. Ж. Абдрахманов да ошол адамдардын уркуна кирет, анын элеси, эстелиги алдында көп карыздарбыз.
Эске ала турган башка да жагдай бар. Жусуп Абдрахмановдун ысымы элибиздин эсинде сакталуу, көкүрөгүндө катталуу, ал кишинин өмүрү өзүнчө эле аңызга айланган. Андай ырыскы саналуу адамдарга гана туш келет: элдин кеменгерлиги ушул – ал указ-муказ, токтом-моктомду, бийликтин кернай-сурнайын күтүп отурбайт, жүрөгүнө жакын адамдарды өздөрү эле таап алат.
Арийне, бизге караганда идеологиялык чектөөлөрдөн тыш, тарыхыбызды бизге караганда алда канча акыйкат талдап, анда ким адал эмгек өтөгөнүн, ким көптүн арасында, көчтүн карасында жүргөнүн таразалай биле турган муун да келет. Иштин аныгын ошолор билүүгө тийиш.
Ж. Абдрахманов катаал десе татаалдыгынан ашкан мезгилде жашады. Анын артынган милдети, аркалаган жоопкерчилиги оңой эмес болучу. Ошого жараша укугу тар, убактысы чектелүү эле. Менин байкашымча, ошон үчүн ойлогон ойлорун көлөмдүү китеп жазып үлгүрбөй калса керек. Ошондой болсо да калтырып кеткен жупуну эмгеги деле эбегейсиз чоң олжо. Күндөлүктөр менен каттары, макалалары, өзгөчө белгилеп кете турган нерсе – өзгөлөргө жаздырбай, өзү жазган, аларда мезгилдин чыныгы элеси тартылып, өзүнүн даана жүзү көрүнүп турат. Өзүнүн ыймандай сыры, чыны, эл тагдыры менен чырмалышып, ташка тамга баскандай таасындыгы, кыскалыгы жаатынан өзүн-өзү көкү рөккө койгулаган көп китептерден күнү бүгүнкүдөй айырмаланат.
Ж. Абдрахмановдун ой жүгүртүүлөрү, элибиз жөнүндө, элибизге айткан пикирлери ачык, атургай жанды кашайткан сынчыл, бирок түпкүлүгү туура. Антип калкы үчүн жүрөгү канаган киши гана айталат. Жараатынан тыналек калк аны окубаска, анын тегерегинде ой жүгүртпөскө аргасы жок.
Жусуп агабыз, атабыз жашап өткөн доор кызык да, оор да, трагедиялуу да болгон. Ошол доорду изилдегендер архивдеги материалдардын артында эмне турганын, замандын духун таасын түшүнүп, ушак-айың, атайын уюштурулган маалыматтардан жогору болсо экен дейм.
Бул дүйнөдө кимдир бирөө жарк эткен жаңылык ача койбосу бүт дүйнөгө маалим. Бирок ар ким бештен белгилүү акыйкат болсо дагы аны өзү кайрадан ачып жашайт. Ушул жагдайдан карасак да, жок дегенде Ж. Аб драхмановдун асыл мурастарын элге кайтарышыбыз абзел. Не дегенде, ошонун баары элдин бакубат турмушу үчүн күрөшкө арналган, ошонун урматына өз башын сыйыртмакка салып берген.
Ошондуктан ал кишинин бар болгон алыбети, өткөн өмүр, көргөн күнүнүн күнгөй-тескейи окурмандардын көз алдында турушун каалар элем. Эл кызыкчылыгы үчүн кан күйгүзгөн күрөштө кантип жаңылып, жазып, сүйүп, күйүп, жек көрүп, бирок кандай гана кырдаалда болбосун адам бойдон калып, ар-намысын, кадыр-баркын, акыл чендебес, ой бойлобос акыйкатчылдыгын жаштар «өзүнөзү жасоо» процессинде биле жүрсө экен деген тилек.
Жусуп Абдрахманов адамдык ыкыбалынан да, дүйнөгө көз карашы, маданияты, интернационалчылыгы, ошол эле учурда Ата Мекен патриоту жаатынан да төгөрөгү төп келген киши болучу. Ал өз элинин келечек тагдырына дүйнө цивилизациясынын даражасында мамиле кылган, улуу дүйнөнүн алдында кыпындай калк кызыкчылыгы прогресске аралашпай, өзү менен өзү болуп, өргө чыкпасын акылы менен аңдап, тажрыйбасы менен билген. Ошол эле учурда өз уңгусун бузбай, ата-нарк сапаттарын сатпай, соодалабай өмүр өтөөнү өрнөк туткан.
Ата Мекен азаттыгы, байкер, жайкерчилиги анын көкүрөгүнөн өчпөс көксөө болчу. Эң байыркы «бактысыз элдин» баар шарты үчүн канын, жанын зарп кылган, бирок анын ыраатын көрүп, ыракатына баткан эмес. Ооба, элибиз эгемендикке жетип, эркиндикке ээ болду, бирок Абдрахманов аңсаган сөздүн толук маанисиндеги азаттык, жакшы турмуш али алыста. Анүчүн жан аябай, кан аябай, култуңдабай, мултуңдабай күрөшүү керек. Өз элине берилгендик, берилгенде да ушунчалык апаппак берилгендик жаштар үчүн баш белги болууга тийиш.
Абдрахманов ушул күндүн урматына не деген гана азап-тозоктон өтпөдү! Кудай, андай азаптуу кесени алдыңкыларга сунбай эле кой! Ошол жылдардын өлчөөсү өзү менен кетсин, алдыбыздагы жалгыз жарык – эркиндик үмүтү эч качан өчпөсүн!
Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү легендалар
Жусуптун ысмына байланган айың сөз, уламыш ле генда көп. «Жарымы жалган, жарымы чын, жанында болгон киши жок» демекчи, алардын чын-бышыгын тастыктап айтып бере турган кишилер небак өтүп кетти. Ошондой болсо да, эл оозунда калган сөздү да кээде эскертип коюш керек, себеби – ошол сөздөр аркылуу эл айрым адамдарга өзүнүн мамилесин-симпатиясын же болбосо жактырбаган сын көз карашын, какшыгын же шылдыңын билгизгиси келет эмеспи. Жусуп жөнүндө илгертен бери айтылып жүргөн имиштин бири мындай. 1925-жылы августта ВКП(б) БК аппаратында бир жылга жетпеген мөөнөттө инструктор болуп иштеп келет. 24 жашар жаш жигит кези. Мезгил да өзгөчө. Лениндин өлгөнүнө бир жыл, Сталин Генсек болуп иштегенине 3 жыл толгон кези. Бирок Ста лин али бийликти толук колуна ала элек. Лениндин көзү тирүү кезинде Сталинге берген мүнөздөмөсү аппаратта иштегендердин эсинде: «Сталин слишком груб, и этот недост аток, вполне терпимый в среде и в общениях между нами, коммунистами, становится нетерпимым в должности Генсека. Поэтому я предлагаю товарищам обдумать спо ров перемещения Сталина с этого места и назначить на это место другого человека, который во всех других отноше ниях отличается от тов. Сталина только одним перевесом, именно, более терпим, более лоялен, более вежлив и более внимателен к товарищам, меньше капризности и т.д.»
Ал кезде аппараттын саны да чакан болгондуктан партиялык чогулуштарга Генсек да катышчу экен. Бирок эки жолу кечигип келиптир.Үчүнчү жолу партиялык тартип жөнүндө сөз болуп, Жусуп да чыгып сүйлөп: «Партиялык тартип коммунисттердин бардыгына бирдей болуш керек. Жолдош Сталин, сиз өзүңүз чогулушка кечигип келип жүрсөңүз, башкалардан тартипти талап кылуу кыйын болуп калат…» – деген имиш. Сталин мындай сөздү күтпөсө керек, бир аз унчукпай туруп, анан айткан имиш: «Эгер сиздер бардык коммунисттердин алдында талапты мага айткандай койсоңор эле тартип орнойт. Мен өз кемчилигимди оңдоого аракет кылам».
1924-жылы Жусуп Абдрахманов Кыргыз областтык партбюронун жооптуу секретары болуп бекитилет. Ал кездеги биринчи секретарь болуп келген М. Каменский борбордун өкүлү болгонсуп, жергиликтүү кадрларды талдоодо өзүм билемге салгандыктанбы, айтор, экөөнүн мамилеси начар экен. Бир күнү көпчүлүктүн көзүнчө айтыша кеткен имиш.
Каменский саясий жарга такагысы келип: «Жолдош Абдрахманов, сиз Лениндик улут саясатын терең өздөштүрө элек экенсиз», – десе, Жусуп дароо жооп берген экен: «Мен Лениндин саясатын сизге окшоп китептен окубастан, көсөмдүн өз оозунан уккамын. Сиз деги Ленин менен сүйлөштүңүз беле? А мен сүйлөшкөм. Демек, кимибиз Ленинди дурус билебиз?» Каменский үн дей албай, кызарып отуруп калган дешет.
Абдрахманов отузунчу жылдары түштүктө командировкада жүрүп Жалал-Абаддын чайканасында кошуналардын бир жетекчи кызматкери менен чарпаяда чай ичип, аңгемелешип отурса, жүдөгөн бир кыргыз улам эле жакындап келип, же ал-жайын түшүндүрө албай, же бир календер сыяктуу зикир аралаштыра дуба кылып коё албай эле колун сунат экен. Жусуптун мейманы мыйыгынан күлүп, пияладагы чайын чайкап коюп, секин күбүрөп коёт дейт: «Ээ бечера калк, кайыр сураганды да билбейт да!» Аны угуп Жусуп тигини чакырып дасторкондон алып нан бериптир да: «Эй тууган, кайыр сураганды билбеген соң, тоого барып мал бакпайсыңбы. Кайырчылыкты аны билген элге бер да оокатыңды кыл». Муну уккан мейманы чайы кекиртегинен өтпөй, чакап кеткен имиш. Мындай имиштер көп. Күбө болгондор жок, бирок уккандар бардыр.
Абдрахмановдун акыркы күндөрү жөнүндө тарыхчы Зайнидин Курманов төмөндөгүдөй маалымат жарыялаган. Ага таянсак, белгилүү котормочу Сүйүнтбек Бектурсунов (Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» романын которгон киши). Ошол жылдарда суракка алынып жүрүп Абдрахмановдун өлүмүнө күбө болгон имиш. Анын айтымында Абдрахманов коюлган дооматтарды эч мойнуна албай, өзү да ийилбестен ишеничтүү жүрдү дейт. Аны чөгөлөтүп, кайратын майтарыш үчүн ал жөнүндө жалган көрсөтмө беришкен Ибрай Тойчиев жана Баялы Исакеев менен беттештиришет. Бети-башы кан жалаган Исакеевди көргөндө Жусуп бир стакан суу алып, анын мойнундагы канды жууганга жардам берип, жараатына компресс коюптур. (Ал кезде керектүү көрсөтмө алыш үчүн адамды кыйнап, сабап, ийне сайып, отко кактап, дүйнөдө болгон мыкаачы ыкмаларды колдонуу кадыресе иш болгон.) Бул кылыгы менен Жусуп жеке таарынычтан жогору көтөрүлүп, мурдагы кызматташтарына эрдиктин, намыстын үлгүсүн көрсөткөн. Бирок өз оюндагыдай иш кылганы үчүн аны сакчылар көкала кылып сабашыптыр. 5-ноябрда Жусупту суракка алып келишет. Кирсе, тергөөчү тамеки тартып, ром ичип отурат экен. Аны көрүп, Жусуп тамеки тартып, чакан стакан ром ичип, андан кийин эмне кагаз болсо да кол коюп берейин дейт. Суранычын орундатышат. Тамеки чегип, ром ичкен соң денеси жазылып, ууртунан бир аз сырлуу жылмайып турса, тергөөчү өзүн мазактагандай кабыл алып, ачуусу кайнап, экөө катуу айтыша кеткен экен. «Акыйкат барбы же аны атып өлтүрдүңөрбү? Совет бийлигин орнотуп жүрүп, силердей шүмшүктөрдү байкабай калганыма өкүнөм. Мындай турмушка рахмат», – деп отургучту колуна кериле көтөрүп, тергөөчүнү баштан ары салып калган экен дейт, сырттан дароо кирип келген сакчы куралсыз Жусупка мылтыгын такап туруп атып таштаптыр.
Ишенбай АБДУРАЗАКОВ.
БАЯЛЫ ИСАКЕЕВ
Мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхына жарык из калтырган жаркын инсандардын катарына Баялы Исакеев кирет. Ал советтик мезгилдеги өзүнүн тилектештери сыяктуу чыныгы улуттук табылга болгон. Ыраттуу алган билими болбой туруп, турмуштун татаал жолун басып өткөн Баялы элдин түпкүрүнөн чыгып, мамлекеттик ишмердин деңгээлине чейин көтөрүлгөн. 1933-жылы Б. Исакеев Ж.Абдрахмановду алмаштырып, республиканын Совнаркомунун төрагасы болуп калды.
1897-жылы туулган Баялы үч жашында атасынан айрылды. Нарын уездинде турмуш кечирген дыйкандын үй-бүлөсү кедей жашаган. 1916-жылдагы көтөрүлүш мезгилинде Баялы 19 жашта болучу. Ал өз эли менен бирге көтөрүлүшкө катышкан. Тууган-туушкандары менен бирге Кытайга качып, көптөгөн азап-тозокторду көрдү. Россиядагы февраль революциясынын жеңишинен кийин гана качкындар мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Б. Исакеевдин үй-бүлөсүнүн жакырчылыгы муну менен токтогон жок. Качкындардын чарбалары талкаланып калган экен, эми аларга ого бетер кыйын болду. 1918-жылы анын энеси, карындашы, агасы менен иниси ачкачылыктан каза болду.
Россиядагы Октябрь революциясын Б. Исакеев шыктануу менен тосуп алды. Большевиктердин урааны анын маанайына дал келди. 1920-жылдын майында ал РКП(б) га мүчө болуп кирген. Бала чагында Баялы айылдык мектепте окуп, билим алган эле. Билимдүү адам катары анын алдында жаңы бийликтин органдарында иштөөгө жол ачылды. Б. Исакеевди кызматка көтөрүү партия тарабынан жүргүзүлгөн бийликти «жергиликтештирүү» линиясына жооп берген.
Уезддердин деңгээлинде жергиликтүү партиялык жана советтик органдарда иштеп, бир катар сынактардан өткөн Б. Исакеевдин уюштуруучулук сапаттары, калк арасында ишти жүргүзө билүүсү, өзүнө көңүл бурдурду. Баялы активдүү иштөө үчүн билиминин жетишсиз экендигин сезип, окууга жиберүү жөнүндө маселе койгон. 1925жылы аны Москвага ВКП(б) БКнын алдындагы уезддик парткызматкерлердин тогуз айлык курсуна жиберишкен. Ал окуган учурунда окуу курсун ийгиликтүү өздөштүрүп, өзүн билимге умтулган шыктуу адам катары көрсөтө алды.
Москвада окуп келүүсү Б. Исакеевдин кызматтан көтөрү лүүсүнө өбөлгө болду. Кайтып келгенден кийин ал ошол мезгилде кыргыз тилиндеги республикалык негизги гезит болуп калган «Эркинтоо» гезитине башкы редактор болуп бекитилди. Көп өтпөй Баялы партиялык ишке өтүп, партиянын Кыргыз обкомунун агитпроп бөлүмүнүн башчысы болуп калат. Ал мезгилде агитпроп бөлүмүнүн алдына кыргыздардын маданий деңгээлин көтөрүү, сабатсыздыкты жоюу, кедейлерди активдүү ишке тартуу өңдүү зор милдеттер коюлган.
Кезекте элетти көтөрүү, коллективдештирүүнү жүргүзүү милдети турган. Бул өнөктүк зор кыйынчылыктарга туш болду. Коллективдештирүү милдетин чечүүгө, ошол кезде айтышкандай, Б. Исакеев «ташталды». 1929-жылы ал жер иштетүү эл комиссары болуп бекитилди. Анын дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккандыгы, турмуштук тажрыйбасы, калк менен жалпы тил таба билүүсү, агитпропто иштегени эске алынды. Сталиндин «Ийгиликтерден баш айлануу» аттуу белгилүү макаласы жарык көргөнчө, Б. Исакеев «тазалоого» тийиш болгон кадрл ардын тобуна кирген жок. Ал ВКП(б) Кыргыз обкомунун экинчи катчысынын деңгээлине чейин көтөрүлдү. Партиялык аппараттагы жергиликтүү кадрлардын ичинен экинчи адамдын деңгээли аны кандайдыр бир мезгилге чейин кара тумандан калкалап турду.
Москва тарабынан табылган Кыргызстандагы коллективдештирүүнү жүргүзүүдөгү, малды ортого алуудагы, көчмөн калкты отурукташтыруудагы иштин жылбай жатышы акыры катуу уюштуруу чараларын көрүү менен аяктады. 1933-жылдын августунда ВКП(б) БК Кыргызстандын партиялык уюмунун канааттандыраарлык эмес ишин белгилеп, көптөгөн ири кемчиликтерди тапты. Ж. Абдрахманов Республиканын Совнаркомунун төрагалык кызматынан алынып, жаңы төрага Б. Исакеев болуп калды. Анда ал 36 жашта эле.
Күч-кубаты ашып-ташып турган, турмуштук тажрыйбага бай, уюштуруучулук жана саясый иштин чоң, мектебинен өткөн Б. Исакеев жаңы ишке баш-оту менен киришти. Анын алдыда турган көптөгөн проблемаларды кантип билгич тик менен чечкендигине күбө болгондор көп. Республиканын статусун СССРдин курамындагы союздук республиканын деңгээлине чейин жогорулатуу жөнүндө маселе чечүүчү болгондугу чын. Бул иш ошол кезде мина коюлган талаа менен басканга тете эле. Кантсе да аны акырына чейин ийгиликтүү чыгарууга мүмкүнчүлүк болду. 1936-жылы Б. Исакеев СССРдин курамындагы союздук республика катары Кыргыз ССРинин Совнаркомунун төрагалыгына бекитилген.
Б. Исакеевдин Фрунзе-Токмок-Рыбачье темир жолунун курулушунда эмгеги зор. Бул өкмөттө аткарган иштеринин көзгө толумдуу натыйжасы. Мурда бул ишти соңуна чейин чыгаруу «беш жылдыктын акырына» деген формула менен кийинкиге жылдырылып келген. Ошентип, Баялы объективдүү кыйынчылыктарга шылтоологон линияны жок кылды. Ошол мезгилде узундугу 523 чакырым келген Фрунзе-Рыбачье-Торугарт жолу жана Улуу Кыргыз тракты деп аталган, узундугу 812 чакырым келген Фрунзе-Ош жолу курулуп жаткан. Өнөр жайына кошкон капиталдык салым чукулунан өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн жаңы тармактары, өзгөчө айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү боюнча тармак пайда болду.
Ошол мезгилде маданият чөйрөсүндө зор ийгиликтер жаралды. Республика түзүлгөн мезгилде сабаттуулук 3%ке жетсе, 1935-жылы ал 60%ке чейин өстү. Көптөгөн орто окуу жайлары, ошондой эле үч жогорку окуу жайы ачылды. Аларда 1000ден ашуун студент окуган. Албетте, буга Б. Исакеевден мурдагылардын аракеттери жумшалгандыгы чын, бирок анын жекече салымы да салмактуу. Б. Исакеевдин «Манас» эпосун элге жайылтуудагы ролу мага өзгөчө жакын. 1935-жылы өзүнүн докладдарынын биринде ал минтип айткан: «Манас» эпосун басып чыгарууну камсыз кылуу өзгөчө зарыл. Бул көлөмү боюнча чоң эпос жана өзүнүн көркөмдүк баасы боюнча өтө салмактуу. Жалгыз «Чоң казат» эле 5 миң сап ырдан турат. Биз аны которто алабыз, бирок ал адабиятташтырып иштеп чыгууну, мыкты академиялык басылманы талап кылат». Эпосту чыгаруу боюнча редколлегиянын курамына Б. Исакеев кирген. 1935-жылдын декабрында Манастаануу боюнча биринчи бүткүл союздук конференция өткөрүлүп, аны уюштурууга Б. Исакеев эң активдүү катышкан.
Ал жылдары республиканын маданий турмушу жанданып, өзүнүн театрын, филармониясын, операсын, оркестрин түзүү боюнча иш кызуу жүрүп, эл чыгармачылыгынын жалпы кыргыз олимпиадасы, элдик таланттардын кароолору өткөрүлүп, таланттуу композиторлор менен музыканттар пайда болду. Б. Исакеевдин бул ишке кошкон салымы зор. Б. Исакеев тынчы жок жетекчи болуп, сынчыл-талапчыл акылы менен айырмаланган. Ал дайыма Борбордун алдына ошол кезде союздук партиялык жетекчилердин терс реакциясын пайда кылган кыйын маселелерди коюп келген. Акырында бул анын тагдырына таасир тийгизбей койгон жок.
1937-жылдын август-сентябрында «Правда» гезити республикадагы «буржуазиялык улутчулдарга» каарын төктү. Чара көрүүгө белги берилди, ал эми калганы НКВДнын жазалоочу органдарынын иши эле. Б. Исакеев 1937-жылы «улутчул-эки жүздүү» катары партиядан чыгарылды. Андан аркысы ошол жылдардагы сценарий боюнча кетип, камакка алынды. 1938-жылы 41 жаш курагында Б. Исакеев жарык дүйнө менен кош айтышты. Ошентип, ал өзүнүн тилектештери сыяктуу эле сталиндик репрессиянын курмандыгы болду.
Б. Исакеевдин ысымы биздин улуу улуттук ишмерлердин катарында татыктуу орунга ээ. Биз анын элесине ишмердүүлүгүндө кыргыз улуттук мүнөзүнүн эң мыкты сапаттары көрүнгөн кыргыз элинин көрүнүктүү уулу катары таазим кылабыз. Мындай адамдар улуттун сыймыгы жана атак-даңкы.
Аскар Акаев.
ИСХАК РАЗЗАКОВ
«…Тагдырды болжоп болбойт тура… Бир жерде туулсаң башка дагы бир жерде жашап калат экенсиң; ал эми дагы бир жерге көмүлгөндөр азбы?..»
И. Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
…Исхак энеден эрте айрылды. Анын кандай андайын да, өң-ажарын да билбей калды. Эсинде жок энеси. Элдин айтымында Ай жамал аял болгон дешет. Анын эмне айтып, эмне койгону да эсинде жок. Эне болгон соң айтпай коёбу, айтты да! Айтмак гана түгүл эбедени эзилип, аманэсен чоңойсо экен деп мүнөтүнө миң бир ирет жалынып, эр жетип, адам болсо экен деп Кудайдан миң бир ирет тилек тилегендир! Ошенткендир, алардын бир да бири Исхактын эсинде жок.
Анткени менен ал атасын жакшы билип калды: тараза бой, нарк билги наваттуу адам боло турган атасы. Бирок кедейлик кендирин кесип, андан да жезилдиги желкесинен катуу ныгыра басып, мүңкүрөткөнү Исхактын эсинде. Ошондой оор турмуштун запкысынан улам атасы акыры кайтыш болду. Анда Исхак бар болгону сегиз жашка чыгып-чыгалек бала эле. Кароосуз калган томолой жетим акыры Коросон айылындагы бир адамдын колуна өттү. Кийин гана 1918-жылы баккан «атасы» экөө эл кыдырып кайырчылык кылып жүрүшкөндөрүндө бак айтып, Исхак балдар үйүнүн бир кызматкерине жолугуп калды да, анан аны ээрчип барып, Ленинабаддагы балдар үйүнө орношту. Ошерден таалим-тарбия алып, ошерден кат сабатын жойду.
Кийин, балдар үйүндө Исхак менен чогуу өскөн курбалы, учурунда Тажикстанда советтик партиялык кызматтарда иштеген, азыр персоналдык пенсионер Ж.Ж.Салимбаев «Мезгил жана адамдар» деген эскерүүсүндө Исхак Раззакович жөнүндө минтип жазды: «Анда турмуш өтө оор эле. Кийим-кечек, тамак-аш өтө тартыш болчу. Биз сыяктуу толгон-токой томолой жетимдерди жер каратпай багууга канчалык канат кагышпасын баары бир жетимкананын мүмкүнчүлүгү ага жетише албай турган. Ошентип тукулжураган турмуш бардыгыбыздын кендирибизди кесип жатты. Бирок кара тирик биз дагы ага баш ийип багынып бергенибиз жок. Тирештик… Күрөштүк… Акыры жеңип чыктык…
Исхак ошондо эле жүүнү тирүү, сөзгө маш, беттегенин бербеген жеткен көк, тапшырылган ишти аягына чыгара иштеген тырышчаак эле. Анан барып турган ак ниет, түз, жолдошко күйүмдүү, бирок өтө принципиалдуу болчу. Калп сүйлөгөндөрдү жининдей жаман көрөр эле, өзү да калп айтуучу эмес. Ар кандай кара ниеттикке, арамзалыкка чыдабай турган. Намыска бек болчу.
Ал ошондо эле кандай гана китеп колуна тийбесин (анда китеп тандап окуу деген кайда!) аны күн-түндөп болсо да окуп бүтмөйүнчө бир тынчу эмес. Китеп окуй берип кээде тамакты да унутуп калар эле.
Исхактын өзгөлөрдөн артыкча сапаты – эмгекчилдиги боло турган. Эмгек анын нагыз кумары эле…»
«…Китептен үйрөн, китеп акылдуу. Акылдуу китептерди акылман адамдар жазышат…»
«Иштен качкан адам идирексиз адам. Инабаттуу өмүр сүрөм десең – иштен тажаба… Иштей бил… Иш сенин зарылдыгың болгондо гана турмуштун өтөлүнө чыга жашайсың…»
И. Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
…Исхак Раззакович балдар үйүндө тарбияланып жүрүп окуп, кийин Ташкендеги педагогикалык техникумга кирип, аны 1931-жылы ийгиликтүү бүтүрөт.
Мына ошол кездерде адабиятка катуу кызыгып, ышкылуу жан А. Чеховдун аңгемелерин өзбек тилине которуп чы гарат.
Айтпаса, кийин-кийин, пенсияда жүргөн 1967-жылдары, «Жаңы тарыхтын» өзбекче которулуп чыккан китебинин кол жазмасын басма үчүн рецензиялап, анан ошол рецензиясында котормочулардын кетирген кемчиликтерин катуу сынга алган. Кызык факт: рецензиянын акырында мындай деген эскертмеси бар. «Түрк тилдерин (мисалы, биз үчүн өзбек, казак, кыргыз ж.б.) жакшы билгендерге котормо жеңил да, жакшы да түшөт. Менин өзбек котормочу жолдошторумдан үстөмүм ушунда, бул тилдерди жат билгенимде» деп жазат Исхак Раззакович.
Ким билет, эгер ал ошол А. Чеховдун аңгемелерин которуп жүргөнүндө эле адабиятка биротоло баш-оту менен берилип кирип кеткенинде, кийин мамлекеттик партиялык көрүнүктүү ишмер болуп чыккандай эле, балким, жазуучулук кесипке да ооп кетет беле, ким билет…
Бирок билимге болгон аңсоосу аны андан ары окууга сүрөйт, Исхак Раззакович Москвадагы Крижижановский атындагы пландоо институтуна өтүп, аны бүтүрүп келген соң, 1936–1938-жылдары Өзбек ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинде экономист болуп иштейт.
Исхак Раззаковичтин иштеги таланты мына ошерден даана ачылып, иш билги уюштуруучу катары да эл оозуна алынат. Анан ал ошондон көп өтпөй эле катардагы экономист болуп өзү иштеп турган комитеттин председателинин орун басарлыгына, кийин анын председателдигине чейин көтөрүлөт.
Исхак Раззакович 1941–1944-жылдары Өзбек ССРинин Эл агартуу комиссары, ал эми 1944–1945-жылдары Өзбекстан КП БКнын пропаганда жана агитация боюнча секретары болуп иштейт, Өзбекстан КП БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат болот.
Албетте, бул жооптуу иш Исхак Раззаковичке болгон зор ишеним болучу.
«Тырышчаактык – ишмердиктин белгиси» деген экен бир акылман. Бирок тырышчаак адамдардын бардыгы эле иштин көзүн тааныган көсөм боло бербесе керек. Тырышчаактык качан гана тубаса акылга, турмуштук зор тажрыйбага, терең билимге шайкеш келгенинде адам чыныгы ишмер болуп чыгаары калетсиз нерсе го.
А Исхак Раззакович бул жагынан үлгү аларлык адам болгон.
Роза Александровнанын баянынан: «…Исхак суткасына 3-4 саат гана уктачу. Калган учурларын жалаң иш менен өткөрчү. Эс алуу дегенди билүүчү эмес. Кызматтан келери менен тамак ичип алып, кайра эле иш бөлмөсүнө барып, иштей баштачу. Көп окуп, көп жазчу. Кээде аны аяп: «Эс алып алсаң боло» десем, күлүп: «Минтип тырышпасаң жаштардан артта калып каласың» деп тамашага чалып, кайра эле ишин уланта берер эле…»
Р. Б. Базарбаевдин (Р. Б. Базарбаев – И. Р. Раззаковдун жакын жолдошу, Өзбекстанда жашайт.) баянынан: «…Исхак Раззакович үчүн иштин чоң-кичинеси жок болучу. Ал бардык ишти берилип, чын ыкласы менен иштер эле. Иштеги чыдамкайлыгы жагынан ага бир да бирөөбүз тең келе алчу эмеспиз. Күнбү-түнбү бирдей иштөөчү. Иштин маңыздуу, анан негиздүү болуу жагын көздөөчү. Эгер кимдир бирөөбүздүн ишибиз жүрбөй жатканын көрсө: «Жал коолонбой кичине тырышсаң эле бүтүп кетет. Бизге тырышчаактык жетишпейт» – деп келчи…»
«…Жалкоолор эки жолу өлүшөт: уктай беришип бир өлүшөт, чындап өлгөндө бир өлүшөт…» И. Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
…Исхак Раззакович Өзбекстанда баш-аягы он жылдан ашуун партиялык советтик ар кандай жооптуу кызматтарда иштеп турду. Бул жылдары ал бир жагынан турмуштук кыраакылыкка тарбияланса, бир жаг ынан уюштуруучулук жөндөмү артты. Ишке каныкты, бышты.
Мына ошондон кийин гана толуп турган жигит курагында, 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин председателдигине дайындалат.
Бул жылдары жалпы совет эли сыяктуу кыргыз эли үчүн да согуштан бөлүнгөн эл чарбасын кайрадан калыбына келтирүүнүн оор да, түйшүктүү да жылдары эле. Ошондуктан жаңы ишке Исхак Раззакович жан үрөп киришти. Башкасын айтпаганда эле ал иштин жооптуулугу канча! Маселенин маани-маңызын таразалап, аны мамлекеттик масштабда калыс, туура, так чече билүү дегендин өзү адам боюндагы канчалык акылды, билимди, жөндөмдү, кыраакылыкты, зиректикти, көрөгөчтүктү талап кылат дейсиң! Мына ушунун баарын илгиртпей сезген Исхак Раззакович эл менен эриш-аркак иштеди. Эл дегениң негизги күч экенин, эгер ал толкуса бүтпөй турган иш жок экенин түшүнүп иштеди. Бирок принципиалдуулуктан тайбай так иштеди.
Мына ошентип ал партиялык иштеги көп жылдык тажрыйбасы, ишкердүүлүк сапаты, уюштуруучулук таланты, акыл-эси, эң негизгиси – жетекчилик сапаты боюнча башка кызматкерлерден айырмаланып турду.
«…Кызмат орду адамды кооздойбу же адам кызмат орунун кооздойбу? Эгер ишти көп анча жакшы биле билбеген адам болсо, кызматы анын наркын көтөрүп, а иш көзүн тааныган билги адам болсо, кызматтын наркы артат. Жакшы же жаман кызмат жок, жакшы же жаман кызматкерлер болот…»
«…Жакшы кызматкер болсоң да өзүңө, жаман кызматкер болсоң да өзүңө. Бирок жаман кызматкер болсоң зыяның элге тиер…»
«…Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, айкөл бол…»
И. Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
…1950-жылы Исхак Раззакович Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп шайланат. Бул анын өмүрүндөгү өтө жооптуу учур эле.
Андан да ал мезгил эл чарбасын өнүктүрүүдө республиканын партиялык уюмдарынын саясий жана уюштуруучулук күжүрмөндүүлүгү менен эмгекчилердин активдүүлүгүн күчөтүү боюнча алдыга оор милдеттерди койгон өтө татаал мезгил болчу. Ошондуктан республиканын партиялык уюмдары жалпы массаны бир багытка – өндүрүштүк пландарды мөөнөтүнөн мурда жана ашыгы менен аткаруу үчүн болгон социалисттик мелдешке багыттоо, ага тикеден-тике жетекчилик кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жа тышты.
Ириде партиялык жетекчилик чыңдалды. Республиканын өнөр жайында, айыл чарбасында, маданий тармагында ири ийгиликтер жарала баштады, өзгөчө оор өнөр жай тармактары тез өнүктү; колхоздун бөлүнбөс фондулары, алардын акчалай жана натуралдык кирешелери көбөйдү, пахта, кант кызылчасынын айдоо аянттары бир кыйла кеңиди; жеңил өнөр жайы элге кеңири керектүү буюмдарды арбын жана сапаттуу чыгара башташты.
Бирок республиканын экономикасын дагы чыңдоодо али да чечиле элек түйүндүү толгон-токой маселелер бар эле. Өзгөчө бул мал чарбасына тийиштүү маселелер болчу.
«…Биз эч бир кечирилбес одоно каталыктарды жибердик, биз эми аларды оңдоого тийишпиз. Биз, азыртадан тартып эле, конкреттүү чараларды белгилөөгө милдеттүүбүз, ал чараларды ишке ашыруу республиканын айыл чарбасынын ишиндеги абалды оңдоого жана да анын маанилүү тармагы болгон мал чарбасынын абалын оңдоого жардам берет. Үстүртөн көз салып, конкреттүү эмес жетекчилик кылууга жол бербөөгө убакыт небак жетти.
Мал кыштатылып жаткан жерлерде атайын бригадаларды түзүү, ыктоолорду, жылуу жайларды, жер кепелерди, айрыкча алыскы участоктордо мал багып жаткандарга бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү керек…»
12-январь 1952-жылы Кыргызстан КП(б) Борбордук Комитетинин IX Пленумунда И. Р. Раззаковдун докладынан.
Исхак Раззакович «мал багып жаткандарга бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү керек» дегенди тегин айтпаса керек. Бул терең ойлонулуп айтылган сөз болуу керек. Мал башынын өсүшү малчыларга жараша болорлугун билген үчүн, ошо малчылардын турмушу кантсе да кабырга кайыштырарлык оор да, түйшүктүү да азап экенин көрүп туруп анан айтса керек. Антпесе ал киши минтип жазбас эле да:
«…Койчулардын эмгеги күч. Жыл маалы тоодо. Үйүндө жаш балдары болсо го жакшы. Эрмек болот. А аялы экөө эле болсочу?..
Булардын эмгегин кантип жакшыртуу керек?..
Курорт… Жылына бир жолу – үй-бүлөсү менен!..
А эгер эки бүлөгө бир короо кой берсечи?!. Аны ойлонуу керек…
Мончо, китепкана… Жана да мончо!..»
И. Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
Ооба, Исхак Раззаковичтин жетекчилик бир өзгөчөлүгү – ал чарбалык иш түйшүктөрүнө баш-оту менен биротоло кирип кетип, аны менен алпурушканы жок, анын чөйрөсүндөгү коомдук маанилүү көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл бурду.
Исхак Раззакович кай жерде, кай учурда сүйлөбөсүн – съезддеби, пленумдабы же тек гана эмгекчилер менен жолугушуудабы – бардык жерде маселелерди коё билүүчү жана ал маселелерди коллективдүү чыгармачылык кеңири талкууга айландыруу менен аны аябагандай зор масштабдагы деңгээлге чейин жеткирте билүүчү. Бирок принципиалдуу сындан тайсалдап калган эмес, дайыма талуу жерди таап айткан.
Биз төмөндө ал кишинин үч жерде үч башка шартта сүйлөгөн сөздөрүн мисалга келтирели. Ошондо эле Исхак Раззаковичтин ой-өрүшү – анын партийный стратегиялык багытын туура туткан жетиктиги, кандай гана маселе болбосун алардын бардыгына саясий мамиле жасоону талап кыла билгендиги даана байкалат.
«…Биздин жазуучуларыбыз Кыргызстан жөнүндө, совет доорундагы кыргыз эли тууралуу идеялык жана көркөмдүк жактан жеткилең, толук кандуу ири чыгармаларды али түзүшө элек.
Бул мына муну менен түшүндүрүлөт: биздин жазуучуларыбыздын көпчүлүгү жумушчуларыбыздын, колхозчуларыбыздын, интеллигенцияларыбыздын турмушу менен эмгегин терең түшүнүшпөйт, алар өздөрүнүн ой-сезимдерин элдин күндөлүк турмушунун үстүнөн байкоолор жүргүзүшүп байытышпайт. Алар Фрунзеде туруп эле сводкалар боюнча, газеталардын майда-барат макалалары боюнча, каңырыш угуулары боюнча көркөмдүк жактан жеткилең чоң чыгармаларды түзүүгө болот деп ойлошот. Кээ бир жазуучулар жана акындар өздөрүнүн керт башынын тар сезимдерин ээрчишип, тоолор, суулар жана көлдөр жөнүндө ах-ох дешип үшкүрүшүп ырдоо менен биздин эң зор турмушубузду көрө албай жатышат…
Биздин ишибиздеги олуттуу кемчиликтер менен каталыктардын себеби эмнеде?
Башкы себеби мында турат: БКнын бюро мүчөлөрү жана биз – БКнын секретарлары, бул ишке толук көңүл бурбайбыз, идеологиялык иштерди терең жана күн сайын жүргүзбөйбүз…» (11-июнь 1952-жыл) деп жазуучулар жөнүндө сүйлөсө, ал эми архитекторлорго койгон талабы күнү бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек;
«…Көп кабаттуу квартиралардын жана да эки-үч кабат келген жеке турак үйлөрдүн бир нече типтүү долбоорун түзүп чыгуу керек. Бул долбоорлор эч кандай ашыкча нерселер менен түзүлүүгө тийиш эмес. Зарыл түрдөгү бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшү зарыл. Биздин шартыбызда көп кабаттуу зор үйлөрдү долбоорлогондо ар бир квартира үчүн балкондорду куруу, анчалык чоң эмес жана жеке үйлөрдө ачык верандаларды куруу белгиленүүгө тийиш. Балкон менен верандалар жетиштүү түрдө кең болушу керек. Анткени, биздин шарттарда 7-8 ай бою алар кеңири пайдаланылат.
Республиканын архитекторлор союзу, долбоорлоо институту улуттук архитектураны түзбөй жаткандыгы зор кемчилик. Түшүнүктүү себептер боюнча бизде кыргыздын иштелип чыгылган улуттук архитектурасы мурас болуп калган жок. Ошондуктан биздин архитекторлордун үлүшүнө – советтик доордун улуттук архитектурасын түзүүнүн ардактуу милдети жүктөлүп олтурат…» (10-декабрь 1957-ж.)
Ал эми кадр маселеси тууралуу сүйлөгөн сөзүчү? Эгер Исхак Раззакович кадрлар маселесине ушунчалык чоң маани бербеген болсо, анда балким «Күндөлүккө» деген жазууларында: «…Кадрлар – партиялык жана мамлекеттик жетекчиликтин чечүүчү күчү…» деп жазбас эле.
«…Кадрларды тандоо жана тарбиялоо – партиялык ар бир уюмдун биринчи даражадагы милдети. Партиянын бардык уюмдары кадрларды партиянын жана мамлекеттин алтын фондусу катарында баалоолору, аларды урматтоолору, аларды кадырлоолору эң маанилүү. Партиялык уюмдардын эң биринчи милдети – кадрлар ды билүү, ар бир кызматкердин татыктуулугун жана кемчилигин кылдаттык менен үйрөнүү, кадрларды камкордук менен тарбиялап өстүрүү, жаш кызматкерлерди кызматтарга өз убактысында жана тайманбастан көтөрүү, аларды кызматтарга туура жайгаштыруу, практикалык иштерде аларга жардам берүү болуп эсептелет.
Кадрларды тандоонун жана тарбиялоонун большевиктик принцибин кыйшаюусуз турмушка ашыруу – чарбалык жана маданий курулуштагы ийгиликтердин залогу…» (10-июнь 1957-ж.)
Ооба, эгер мезгилдин чотуна салсак, анда ошол Исхак Раззакович иштеп турган учурдан бери анчалык деле узак убакыт өткөн эмес экен. Бирок биз үчүн ал жылдар өз учурундагы элдин экономикасынын, маданиятынын дүркүрөп гүлдөшүн, материалдык жана духовный күчтөрдүн өсүшүн белгилеген учур экен.
Анын далили – 1957-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен кант кызылчасы, пахта жана мал чарба азык-түлүктөрүн арбын өндүрүп чыгарууда жетишилген зор ийгиликтери жана 1956-жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн даярдоо боюнча мамлекеттик планды ашыра аткаргандыгы үчүн Ленин ордени менен сыйланды.
Албетте, бул республика үчүн, анын партиялык уюмдары менен бардык эмгекчилери үчүн зор сыймык эле.
Ошондой болсо да бул зор жетишкендикти Исхак Раззакович адатынча өтө токтоолук, сабырдуулук менен кабыл алды. Ошондуктан республикага Ленин орденин тапшыруу боюнча салтанатта минтип сүйлөдү:
«…Республикабызга Ленин орденин тапшыруунун улуу актысын, биз, биздин кадрларга жүктөлгөн зор милдеттенме катарында баалайбыз. Биздин чарбабызда али ачылбай, али пайдаланылбай жаткан резервдерди жана зор мүмкүнчү лүктөрдү табуу үчүн ар бир ишкананы, колхоздун, совхоздун машина-трактор станциясынын, ар бир ишкананын ишин баалоого биз акыл-эстүүлүк жана сын көз менен мамиле кылуубуз керек. Биздин республиканы сыйлоонун актысы кыргыз элинин эмгегин таануунун гана далили болуп эсептелбестен, ошону менен бирге советтик Кыргызстандын социалисттик экономикасын тынымсыз жогорулатууга жетишүү үчүн келечекке аванс болуп эсептелет.
КПСС Борбордук Комитети бизди карапайым болууга, көөп кетпеске үйрөтөт. Анткени, көөп кетүү бир орунда токтоп калууга алып келет. Эгерде биз өнүгүүнү жана алга карай жылууну кааласак, ал эми бул болсо биздин бардыгыбыздын тилегибиз экендиги шексиз, анда биз алга карай дагы тези рээк жылуу үчүн биздин кемчиликтерибиздин жана жаңылыштыктарыбыздын бетин ачуубуз керек…» Исхак Раззаковичтин «Күндөлүккө» деген жазууларында момундай бир ой бар: «Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң анда пайдаң да арбын болот…»
Ким билет, Исхак Раззакович муну, балким, дал ошол кубанычтуу күндөрүндө жазгандыр? А, балким, республиканын дагы башка ийгиликтеринин салтанатынын кайсы биринде жазып калтыргандыр?.. Бирок кайсы учурда, кандай абалда турганында жазбасын, бул – ал кишинин ар бир ишке, ар бир окуяга салкын кандуулук, акылдуулук менен мамиле жасагандыгынын күбөсү экенин айгинелеп турбайбы!..
Кантсе да Исхак Раззакович идеялык- теориялык ойөрүшү, саясий жактан жетиктиги, моралдык негиздери, адамдар менен иштеше билүү жана аларды жетектөө жөндөмдүүлүк сапаттары боюнча башкалардан айырмаланып турчу.
Мен минтип Исхак Раззаковичти ашкере көтөрө чалып, идеализациялаш үчүн жазып жатканым жок, тек гана бир учурларда ал киши менен бирге иштешкендердин, анын замандаштарынын баяндарын угуп, анан анын үй архивинде сакталып калган айрым бир жазуулары менен, учурунда республикалык газета-журналдарга жарыяланган сөздөрү, макалалары менен терең таанышкандан кийин гана ушундай бүтүмгө келип жазып жатканым.
«Абалды оңдоонун ачкычы эмнеде?..
Планга, милдеттенмелерге, ооз көптүрмө сөздөргө, рапортт орго жамынып, аларды кези келген да, келбеген да жерлерде көтөрүп чыгып, көбүрүп-жабырып кыйкырып, ошонун аркасында алган сыйлыктар менен эл көзүн көшөгөлөп жаткан жокпузбу? Антпей бүгүн бир чындыкты тике, түз айтуудан тайсалдап жаткан жокпузбу?
Бүгүн кашкайган чындыктын алдында башкача бир түшүнүктөрдү иштеп чыгууга тийишпиз!..
Же ушул жазуулар жазылган барактын экинчи эле бетиндеги мына бул жазууларды окуйлу (айтмакчы, булар дагы «Күндөлүккө» деген эскертүү менен жазылган). «…Жалаң гана кемчиликтерди санап айта берүү кыйын абалдан чыгуунун жолубу?..»
«…Биз ишибизде кетирген кемчиликтердин бардыгын мурдагы жетекчилерге оодара салууга укугубуз барбы?..»
«…Кемчиликтерди айта бербей, аны оңдоонун жолун айтканыбыз пайдалуураак болоор?..»
Кызык факт: буларды кайсы учурда жазды болду экен? Өмүрүнүн кайсы учуруна туура келет?.. Мына ушундан улам бир ой туулат: балким, БКнын өзүндө өтүүчү кезектеги жыйындын биринде айтылган ойдун негизидир? А, балким, кайсы бир эмгек коллективиндеги жолугушууда сүйлөнгөн сөзүнүн тезисидир?..
Айтышат: Исхак Раззакович көп жолугушууларда кагазсыз, көбүнесе алакандай баракка түзүп алган тезисинин негизинде сүйлөөчү дешет. Бирок ошол сүйлөп жатканында бир да жаңылып, мүдүрүлүп койбой, ушунчалык түшүнүктүү, ары ойго бай, куюлуштуруп, ошол эле учурда ташка-тамга баскандай так жана курч сүйлөөчү дешет. Аны көрүп-билгендер, сөзүн уккандар ушинтип айтышат. Айтор, эмнеси болсо да жогорудагы сараң саптар чоң ойлордун башаты экени талашсыз. Мына ушул сөздөрдү бүгүнкү күндүн талаптары менен салыштырып көрөлүчү? Бул – сергектиктин, абалды баалай билүүнүн күбөсү эмеспи?
Исхак Раззаковичтин үйүндөгү көп кагаздарынын арасында саргарган бир баракта момундай жазуу бар. Мен аны кандай жазылса ошол калыбында которбостон кайталоону туура таптым: «…Больш., умный человек… У него, у Исхака надо учиться умению строить фразы и грамотно говорить!..»
Муну ким жазган? Качан жазган? Ооба, кантсе да тил маданиятын жакшы түшүнгөн, сөз баккан тетик адам жазгандай. Жазганда да Исхак Раззакович кийин пенсияда жүргөнүндө үйүндө маектешип олтурушуп ал киши сүйлөп жатканында ага эргип кетип бир чети таң калып да суктануу менен жазган шекил.
Ал эми Исхак Раззаковичтин «Күндөлүккө» деген жазууларынын биринде «Ясность языка – результат ясного мышления, а ясная неизбежно обусловливает ясную форму (Карл Либкнехт)» деген жазуу бар. Демек, мына ушундан эле Исхак Раззаковичтин кантсе да тил өнөрүнө, сүйлөө маданиятына канчалык кызыгуу менен көңүл бургандыгы даана көрүнүп турат.
Ооба, Исхак Раззаковичтин сөзгө чебер экендиги анын «Күндөлүккө» деп жазып калтыргандарынан эле туюлат: айрымдары сүйлөөчү сөзүнүн тезистери болгону менен айрым дары кудум накыл сөздөргө жакындашып кетет. Турмуштук байкоолору кыска жана так айтылып, нускалуу ойлор жүрөккө тык жетет. Албетте, мындай жазгандары өтө аз, бирок ошолору эле Исхак Раззаковичтин зор мүмкүнчүлүгүнөн кабарлап турат.
«Күндөлүккө»: «…Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын…»
«Уйку таттуу, эмгек андан да ширин…»
«…Балалуу болуу бакыт, а неберелүү болуу бакыттан да чоң ырыс… Берк…»
«…Идерлүү адамдан жардамыңды аяба, алар кийин иш билги болуп чыгышат…»
«…Намыстуу болсоң, жеңишиң арбын болот…»
«…Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк…»
«Касташуудан кач, бирок адилдиктен тайба…»
Албетте, бул көптү көрүп, көптү билген, турмуштук тажрыйбага бай, ишке канык адамдардын айтаар сөзү.
…КПССтин XX съезди Коммунисттик партиянын жана бүткүл совет элинин, ошонун ичинде Кыргызстандын эмгекчилеринин турмушундагы көрүнүктүү окуялардын бири болду.
Партиялык уюмдар менен республиканын бүткүл эмгекчилери съезддин чечимдерин өздөрүнүн бардык иштеринин күжүрмөн программасы катарында кабыл алышты. Журт жумулуп зор ишке аттанышты. Мына ошол мезгилдерде адамдардын демилгелери менен активдүүлүктөрүн катуу колдоого алган Исхак Раззакович уюштуруучулук, жетекчилик татаал иштерди аткарды жана партиянын стратегиялык багытын жүзөгө кыйшаюусуз ашырууда көп күч, көп эмгек сарптады. Натыйжада, республика өнөр жайдын, айыл чарбасынын, маданияттын өсүп-өнүгүшүндө бир катар ийгиликтерге же тишти.
Исхак Раззакович бар кубат-жигерин, бүтүндөй билимин партия менен элдин ишине жан аябастан кызмат кылууга толук бойдон жумшады жана таза, ак ниет иши менен үлгү боло алды.
Роза Александровнанын баянынан: «…Бул күндөрү Исхак катуу иштеди. Көпчүлүк учурун республиканы кыдыруу менен өткөрдү. Анда азыркы учурдагыдай самолет, жайлуу жеңил машинелер деле жок болучу. Үйгө чарчап-чаалыгып келе турган. Ошондо да кабак-кашым дебестен, тамагын чала-була ичип алып, «ишим калды» деп, кызматына, эгер түн болсо үйдөгү иш кабинетине жөнөчү.
Кээде мен аялдык кылып «адам үй-бүлө жайын унутсун үчүн биринчи секретарь болуп иштейби? Балдарыңа деле көңүл буруп койсоң болбойбу?» деп буркан-шаркан түшөр элем. Ошондон кийин ал ишемби күндөрү кечкурун уулум, кызым үчөөбүздү машинесине олтургузчу да шаарды эки айландырып келип: «Аябай саякаттадык ээ, эс алдыңарбы? Эми ар кимибиз өз-өз ишибизди аткаралы» деп тамашалап коюучу. Элчилеп эптеп эле жанынын жайлуусун ойлоочу эмес. Ал дайыма: «Биз ак иштеп, ак жүрбөсөк ким антет?» деп келер эле…»
Ооба, биз билген, эл билген Исхак Раззакович ушундай киши эле. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, барып турган иштерман, анан да ак жүрөк, таразадай так, таза адам боло турган.
«Тууган-урук керек. Сыйлоо, жардам берүү парзың. Антпесең журттан чыгып каласың… Бирок ойлонуп сыйла, акылың, кеңешиң менен жардам бер. Эмгекке шилте. Бул туугандыктагы эң бир туура жол.
Эгер сыйлоо, жардам берүү ушу экен деп ыгы жок жерден көтөрмөлөй берсең, анда да журттан чыгып каласың…»
«Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот…»
И. Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
Эмне, минтип ал өзү жөнүндө айтып жатканыбы? Же анысы өзүнүн замандаштарына, өзүнөн кийинки муундарга айтып жаткан накылыбы? А, балким, бизге багыштап айтып жаткан кеңеш кебидир?
Ооба, билген кишиге бул жалпыбыздын кулагыбызга алтын сырга деп айтып жаткан акыйкаты.
Бир айтса минтип кара кылды как жарган калыс адам гана айта алаар! Эльмира Исхакованын баянынан: «…Мен онунчу классты бүтүрүп, Фрунзеде Москва университетине кирүү экзаменин тапшырарымда папам Москвага ишке кетти. Ага чейин кантсе да папам жардам берер деп, ошого катуу ишенип жүргөм. Бирок кырдаал ошондой кыйчалыш болуп калса болобу, анан мен айлам кетип папама Москвага кат жаздым. Катымда абалым кыйын экенин, жардам берер адамым жок жалгыз калганымды толук бойдон жазып жибердим. Оюмда катты алары менен папам өзү учуп келет деп ойлогом. Бирок көп күттүрбөй папамдын ордуна анын жооп каты келип калды.
«Аялуу алтын кызым Эльмирам! Катыңа жооп берейин.
Көңүл коюп окуп, маани-маңызын түшүнгөндөй бол.
Ошентип, биринчиси: экзамениң башталыптыр.
Демек, адепки учуруңдагыдай эмес, бир аз жүрөк баскан учуруң жөн. Эми эң орчундуу бир гана нерсе – үшүңдү учуруп көп эле корко бербестен, ал гана турмак айрым бир адамдардын атайылап эле «атаңдын артынан кетпей, сен эмне мында жүрөсүң?» деген ачуу сөздөрүнө да көңүл бур бас тан, чыйралып, жаныңды үрөп, күнбү-түнбү убакыт болжобой өмөлүп окуп, экзамениңди ийгиликтүү тапшырганга тырышкының. Мына ушул эң башкысы, негизгиси. Ал эми күнүлөштөрүңдүн көптүгүнө, балдардын көпчүлүгүнүн «байланыштары» же дагы башка ыңгайлуу мүмкүнчү лүктөрү бар экенине анчалык эле кабатыр боло бербе. Мындай учурда намыстанып, намыска туруп коюу керек. Антпесе болбойт. Бул сенин турмуш менен биринчи жолку кагылышың. Анан ушунда эле жеңилип берсең, аны менен күрөшө албай чабалдык кылсаң, анда мындан аркы турмуш жолуңдагы дагы толгон-токой кыйынчылыктарга туруштук бере албай кыйналып каларың бышык. Ошондуктан башыңды бийик көтөрүп, баягы мен бардагыдай өзүңдү батыл карма да, көп оку, даярдан, тырышкының. Мен сага ишенемин. Сенин тырышчаактыгың, зиректигиң, акылың мени көп нерседен үмүттөндүрөт… Адам байлыгынын чени – илим экенин унутпа! Оку, талыкпа!
Ооба, бу тапта сенин кыйналып жатканыңды да түшүнүп эле турам. Бирөөлөргө айтып жардам берүү оңой эле иш, бирок… бирок, кызым, биз Раззаковдор экенибиз эсиңде болсун!.. Биз бул фамилия менен мактанбастан сыймыктанышыбыз керек.
Кимде ким өз бактысын өз колу менен жасап алса, ал чоң эрдик. Чыныгы бакыт ошол. Ал эми бирөөлөрдүн жардамы менен бактыга жеткениң – чыныгы кордук ушул. Андай болгондо өмүр бою өзүңдүн алдыңда өзүң басмырланып жүрүп өтөсүң!..
Мен муну сени түшүнөт деп айтып жатам жана түшүнөөрүңө да ишенем…
Мен сени Москвада чыдамсыздык менен күтөм. Ал эми биздин мындан аркы өмүр жолубузда бизди дагы канчалык кубанычтар күтүп жатат дейсиң.
Сага ийгилик, бакыт каалап, сени сагынган папаң…
2-август 1961-жыл…»
Папам дал ушундай киши болчу. Мен аны менен өмүр бою сыймыктанам…»
Кана, кадырман окуучум, ушу азыр бир саамга ой токтотолучу: санааркап турган баласына кандай атанын санаасы чыдап, кандай ата ушинтип сабырдуулук менен кат жаза алат? Мындайда балаңдын башына кыйын-кыстоо иш түшүп турганына кандай ата токтоолук кылып, кандай ата түтүп тура алат? Ал эми төтөн кыз баланын кыйналып турганы ата-эне үчүн канчалык гана мүшкүл -ов?!
Ооба, билген кишиге бул катта балага канчалык сүйүү, анан ага болгон канчалык демөөр, тирек, акыл жатат түнөп!
Бир жазса минтип көкүрөгү көсөм, жүрөгү таза, акылы артык адам гана жаза алаар!.. Бир жазса минтип кара кылды как жарган калыс адам жаза алаар!.. Намыска бекем адам жаза алаар!..
Исхак Раззакович 1961-жылы Москвага жаңы ишке кетип, ал жерде СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинде бөлүм башчы болуп бир нече жыл катары менен иштеп турду. Саясий, чарбалык иштерде чоң тажрыйбасы бар Исхак Раззакович бул ишинде да өзүн көрсөтө алды. Бирок ден соолугунун айынан 1967-жылы союздук маанидеги мамлекеттик пенсияга чыгууга аргасыз болду.
– Өмүрүнүн акыркы жылдары оору аны аябай өксүтүп койду, – деп эскерет Роза Александровна. – Бирок ошо ооруп жүргөн учурунда да иштегенден талыкпады. Ооруканада жатпасын, мейли үйдөбү, айтор кай жерде болбосун кагаздар менен алек болду. Көп окуду. Анткен менен оору деген оору да…
Ошол күндөрү Исхак Раззакович «Күндөлүккө» деп мына муну жазды: «…Өлүмдү ойлогондо өмүр дегениң ушунчалык таттуу болуп кетет экен, чексиз жашагың келет экен. А ойлобоюн десең оңбогон оору өзүн эстеткени эстеткен…»
«…Бала чагымдагы оор турмуш, интернат – кеселимдин башы ошондо…»
Бирок Исхак Раззакович ооруга оңойлук менен моюн сунуп бергени жок. Көнгөн адаты боюнча кайра өчөгүшүп иштеди.
Ошол жылдары Н.К. Крупскаянын «Ленин тууралуу аңгемелер» деген китебин которуп, өзбек тилинде чыгарды. Ташкен басмалары басып чыгаруучу бир нече китептин кол жазмасына рецензия жазды. Жогорку окуу жайлары үчүн өзбек тилинде тарых жана география боюнча факультативдик сабактардын программасын түздү.
«…Өмүр – өжөр, а өлүм – тажаал… Туулдуң – өлдүң.
Өлбөй калуунун жолу барбы?
Ал – эмгек… Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат…»
Ушинтип өзү жазып калтыргандай Исхак Раззакович эмгектен качпады. Ооруп жүрсө да көп иштеди. Анан ал башынан өткөн турмушун жазууну ойлоду. Мына ошого камынды. Эми ал ар кандай каттарды, эскерүүлөрдү окуй баштады. Мемуарларды тизмелеп жатты:
«…Жакын арада окулууга тийиш:
- А. С. Толстая «Өмүр сабактары». 1–11
- А. С. Толстая «Л.Н. Толстойго кат», Академия басм., 1936-ж.
- А.С. Толстая «Күндөлүктөр» Басмага даярдаган М.С. Сабош никовдор, 1928-ж.»
Ошентип окуй турган адабияттардын тизмесин алды. Күндөп-түндөп окуп, жазууга даярданды. Ошондо Исхак Раззакович «Күндөлүккө» минтип жазды:
«…Бүгүн бүткөрүүгө болбой турган ишти эртең бүткөрүш үчүн, аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл!»
Бирок Исхак Раззакович ойлогон оюна жете албай калды, куу өлүм кайран кишинин оюн өксүтүп кетти…
Мына-мына баштамак болуп жүргөн оюндагы китеби жазылбастан, токтоп калган жүрөгүнүн толтосунда кала берди, өчкөн чыракдандай сезимде өчкөн боюнча кете берди. Эмне жазмак эле ошондо? Албетте, эли-жери жөнүндө жазмак… Кыргызстан жөнүндө жазмак! Анткени ал аны аябай сүйө турган!..
…Исхак Раззаковичтин дагы бир купуя сыры боло турган. Бирок анысын эч бир жанга эгерим чыгаруучу эмес, жүрөгүндө катылуу жүрчү. Кээде гана, бир көңүлү кармаганда, алдыртан жылдыртып Роза Александровнага анысынын четин чыгарчу. Кантсе да өмүрлөрүн байланыштырган өз да. Ошондо оор күрсүнүп алып, анан жарык тарапка үмүтөтө узак карап, караган сайын көздөрү моймолжуп чыгып, ошол моймолжуган кош көздө убайым менен сагынычтын, кусалык менен көксөөнүн сүрөтү тура калар эле да, анан кайра эле жалп өччү. Ооба, кийинки учурларда жанын жай алдырбаган аялуу ал көксөөсү – Кыргызстан болучу. Анын көктү челип, көз мелжиткен тоолору, атырылып аккан ак шапата суулары, керүү-керүү талаалары, келберсиген көлдөрү, шаңкайган асманы, күңгөй-тескей дүркүрөп өскөн шаа жетпеген карагай-чери, кычыраган кыш суугу, тукабадай тулаңы менен жер жайнаган жемиши, айылдары менен калаалары – боор эти менен бирге бүткөн асыл жери азгыра берип, делөөрүтө берип, өзөгүн өрттөп, ошонун баары уктаса түшүнө кирип түйшөлтүп, анын тузу тартып, арбап өзүнө чакыра берчү, чакыра берчү. Ал чакырык бирер жапжакын эле жерден, дал жанынан угулса, бирер туңгуюктун жаракасынан чыгып жаткансып угулуп-угулбай күңгүрөнүп чыгаар эле. Ошондой кусалыгы ичине батпай кеткен учурларында гана, бир көңүлү кармап, катылуу жүрөк сырынын четин чыгарып Роза Александровнага жылдырып айтаар эле:
- Кетсекпи дейм Кыргызстанга?
Аттиң-аттиң, тилеги ишке ашпай тилек боюнча кала берди жүрөктө, – эл сагынбас эр болорбу, жер сагынбас эр болорбу! – ою ишке ашпай ой боюнча кете берди жүрөктө!..
- Жок, уулум, анын баарын айтып олтурууга алым же тээр эмес, – деди Роза Александровна жүрөк тушун карма лап, – кудуретим жетээр эмес…
- Эмне, Кыргызстанга кетип калууга болбойт беле? – үнүм калтырап, пас чыкты.
Роза Александровна ойлоно калып, анан гана акырын айтты:
- Билбейм, уулум?
Анда ким билет?.. Бу табышмактуу суроого ким жооп бере алат?.. Айткылачы, кана ким?.. Сыры эмнеде эле? Түйүнү эмнеде эле? Аныгы эмнеде эле? Айткылачы?! Кырдаал ошондой беле? Учур ошондой беле? Же?…»
Роза Александровнанын баянынан: «Мурда эч качан антип ооз аччу да, антип суранчу да эмес. Бир күнү күтүлбөгөн эле жерден: «Роза, кокус көз жумуп кетсем, сөөгүмдү Кыргызстанга алпарып жашыргандай болгула?» – десе болобу. Чочуганымдан: «Эмне түш көрдүңбү? Антип айтпачы. Исхак, сага эмне болду?» – дедим. Ошондо ал көпкө ойлонуп турду да, анан дагы: «Эгер аякка алып барууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда сөөгүмдү өрттөтпөй, кепиндеп койгондой болгула, суранам, Роза?» – деди… Арман десең, кийин ушу сөздөрүн дагы айтты… Эң, өкүнүчтүүсү – Исхактын сөөгүн өзү кадыр туткан жерине жеткирип коё албадык?!…»
Кызы Эльмиранын баянынан: «…Кайсы бир күнү ойдо жок эле жерден адатымча папамдын иш бөлмөсүнө кире калдым. Кирсем папам ыйлап атыптыр. Көргөн көзүмө ишенбей кеттим, анткени анын ыйлаганын ошондо биринчи көрүшүм… Ага чейин папамды такыр ыйлабайт го деп ойлоп жүргөм… Чуркап жеттим да: «Папа, папочка, сага эмне болду? Эмне ыйлап жатасың?» – деп мойнунан кучактап, мен дагы ыйлап жибердим. Ошондо мага карай албай көзүн алакачып, мукактанып жатып: «Эгер мен көз жумуп кетсем силерге, өзгөчө Берк экөөңөргө… кыйын эле болот го?» – деди. Экөөбүз кучакташып алып дагы ыйладык… Ошондон бир жумага жетип-жетпей папам бизди таштап кете берди…»
Баласы Эриктин баянынан: «…Атамдын кандай адам болгонун биз айтпайлы, эл айтсын, журт айтсын. Анткени ал эл арасында, журт арасында жүрдү… Бирок биз үчүн атабыз аскар тоо болчу! Тирек-жөлөгүбүз болчу!.. Ал биздин көңүлүбүздү калтырып, эч качан үн көтөрүп урушуучу эмес. Бизди аябай жакшы көрөр эле. Өзгөчө Эльмиранын баласы Беркти – небересин жанындай көрүүчү. Ал эми аны ушунчалык жакшы көргөнүн мындан билиңиз – төрөлгөндөн баштап ал үчүн өзүнчө «Күндөлүк» да жазып жүрчү… Кыскасы, кайгырсак кайгыбызды, кубансак кубанычыбызды тең бөлүшкөн, балдарын жанынан артык көргөн айкөл, анан барып турган тарбиячы АТА болчу!.. Өмүрү өрнөктүү АТА болчу!..»
«Ата болчу!..» Ооба бир үй-бүлө үчүн ал ата болсо, ал эми эли үчүн ал, сөздүн терең маанисинде алганда – АДАМ болчу! Исхак Раззакович өзүнүн өрнөктүү өмүрү, иши, адамкерчилиги менен эл эсинде ошо АДАМ боюнча кала бермекчи!..
«Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт…» И.Р. Раззаковдун «Күндөлүккө» деген жазуусунан.
Ал кишинин өмүр жолун, кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун, ишин, үй-бүлөгө, жолдошторуна, кимге гана болбосун өзүнө катышы болгон бардык адамдарга жасаган мамилесин, анын адептүү, адил, ак жүрөк, карапайым, бирок принципти бек кармаган касиеттерин, ар бир адамды баалап, аларга талап коё билүүчүлүк ишкер сапаттарын канчалык арбын билген сайын, ага болгон терең урматтоо сезимтал, учур талабынын маани-маңызын терең түшүнгөн түшүнүктүү, нары уюштургуч, таза жана ак ниет жетекчи – коммунисттин абройлуу ажар-бедели көз алдыма таасын тартыла берди… анан ал кишинин образы сезимиме ошо боюнча орноп калды…
Адегенде бир аз кыйчалыштап барып, анан гана оңдой берди болуп ийгиликтүү бүткөн иштериме ичимен кубанып, ошо кубанычым менен кайрадан Москвадан үйгө сапар тарттым. Ошентип самолётко жайланып олтурган соң гана бардыгын кайра баштан кыялымда сыдырып, ошондо белгилүү адам туурасында жазуу кантсе да нары жоопкерчиликтүү, нары оор экенин ойлогондо санаам кайрадан сапырыла түштү. Барыдан да баянымды кандай атаарымды али тап паганыма жаным катуу кейип жатты. Эми ириде ошону ойлоого туура келди. Ким эмне деди? Ким эмне айтты? «Күндөлүккө» деген жазууларда ага ылайыктуу кандай ойлор бар эле? Эмне көрүп, эмне билдим?.. Эми эмнегедир эле сүйлөшкөн кишим – Сталь Тургумбаевич оюма кылт этти. Ооба, ооба, ал бир жакшы ой айткандай болду эле деп, анын сөздөрүн кыялымда тескей баштадым: батыл, чечкиндүү адам эле деген… демилгелүү, ынтаалуу адам эле деген… эмгекчил, адамкерчиликтүү деген эле… калыс деген эле… Дагы эмне деди эле?.. Ал моминтип айткан «Исхак Раззакович партиялык иштин чыныгы художниги болчу» деген!.. Ооба, ошенткен…
Мен кубанып кеттим да, унутуп калбайын деп: «Партиялык иштин художниги… художниги», – деп кайталап жаттым.
Аңгычакты стюардессанын: «Кымбаттуу жүргүнчүлөр! Биздин самолёт эки ордендүү Кыргызстандын чегине жетип, ылдыйлай баштады…» – деген үнү салон ичин жаңыртты. Эл козголо түштү.
Баш буруп, иллюминатордон жерге карадым: эгинтегини бышкан даркан талаалар… Тарам-тарам дара жолдор… Ошо жол бою түшкөн бак-шактуу дүпүйгөн айылдар… Калаалар… Көлдөр… Булардын бардыгы биригип келип кудум чебер художниктин кыл калеминен жаралган опсуз чоң асем сүрөткө окшошуп кетти…
Ошондо оюма бул оролду: «Ушул улуу өзгөрүштөрдө сенин да эмгегиң зор, Исхак Раззакович!..» – Анан да минтип ойлодум: «Ушундай таасын сүрөттөрдү таланттуу художниктер гана тарта алышат…»
* * *
Москванын Кунцево көрүстөнүндө сандаган сакабат бейиттердин арасында көзгө комсоо бейит бар. Ал айта келсе тегин бейит эмес, анда теги алатоолук өмүр акыры азадар бир айкөл адам жатат. Раззаков Исхак Раззакович 25.Х 1910–18.III 1979.
Шаршеналы АБДЫЛДАЕВ.
ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ
Турдакун Усубалиевич туурасында очерк жазуу мага оңойдой көрүнгөн. Чынында да аны 40 жылдан ашык билет экенмин. Мен университетти бүтөөрдөн бир жыл мурда, ал Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп шайланды да, калың эл анын өмүр баяны, ата-теги жөнүндө кеңири сөз кылып турган кез. Бу жолу мен өзүбүздүн Мураке айлына барып, дөңдө аңгемелешип отурган карыяларга учурашканы кайрыла калсам, аңгеме Т. Усуба лиевдин ата-теги жөнүндө бара жаткан экен. Санжыра тарых билген кара жаак карыялар: Божо, Мырзакан жана Кумаш дегендер республиканын жаңы башчысынын бабаларынын бири – кадимки эле олуя Калыгул экенин кеп кылып жатышыптыр. Албетте, ал кезде Калыгул олуянын ысмын укканым менен, ал жөнүндө анча түшүнүгүм жок эле. «Реакционный акын» катары анын эмгеги мектептерде окутулчу эмес. Мына ошондо мен карыялардын оозунан: «Менин урпактарымдан экөө катар чыкпайт, бирден үзүлбөй чыгып турат», – деп Калыгул олуянын айтканын биринчи жолу уктум. «Олуянын айтканы чын чыгып, азыр Усубалиев эл башы болду», – деген кызуу сөз кулагымда калган эле. Кийинчерээк, мен ЦКда инструктор болуп иштеп, андан ары депутаттыкка, министрликке чейин көтөрүлдүм. Айтор, менин карьерам Усубалиевден башталып, Усубалиев пенсияга кетээр менен мен дагы далай коогага кептелдим. Мен өзүм личность катары толук бойдон Т. Усубалиевдин кадрымын. Тереңирээк айтканда мен Т. Усубалиевдин университетин бүтүрдүм. Деги эле, ошол кездеги кадрлар толук бойдон Усубалиевдин университетин бүтүрүшпөдү беле. Т. Усубалиев кадр саясаты боюнча өзүнүн университетин түзгөн улуу инсан. Жеке эле кадр жагынан эмес, Т. Усубалиев табиятынан түзүүчү. Анын кыргыз эли үчүн жасаган иштеринин көлөмү өлчөөсүз. Ошентип, мен анын замандашы, жашы кичи шакирти катары аксакалдын жекече кулк мүнөзүн, ишмердигин жакшы билгендиктен, ал жөнүндө жазыш мага оңой деп ойлогом. Бирок, кагаз тиктеп, анын адамдык касиетин, личностук деңгээлин талдай келгенде, жүрөгүм даабай, сүрдөй түштүм. Мен анын личностук касиетине чөгүп, чөмүлүп барып, кайра чыктым. Т. Усубалиевдей жетекчи оңой менен жарала бербейт. Андай адамды кыргыз эне дайыма төрөбөйт. Анан калса, бу залкар – Усубалиев болуп жаралып калышына, анын түпкү теги, олуя Калыгулдун каны, салымы чоң… Тукум куучулук совет доорунда изилденбей калбадыбы. Ушул кезге чейин аксакал жөнүндө басма сөз беттеринде көп эле айтылды. Бирок, ал жөнүндө бир да жолу толук кандуу макала жазылбаганын билип, мен таңгалып койдум. Ырас, мен Т. Усубалиевди жакшы көргөн шакирти, ал тургай соратниги катары далай ирет макала жазгам. Бирок, толук кандуу очерк же портрет жазууга келгенде даабай жүрдүм. Ал тургай аксакал мен үчүн ушу кезге чейин улуу сыр, табышмак. Мен анын саясий жетекчи катары жылдызы жанып, туу чокуда турган учурун көрдүм. Ошого эле жараша, пенсияга чыккандан кийин курулай жерден жаман аттуу болуп, запкы жеп турган учуруна күбөдөрмүн. Андай чакта капа болгондур. Бирок, эч качан муңбады, чөкпөдү. Азыр Эл баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси! Ушунун баарына ал ак эмгектин, кыраакылык менен акылмандыктын, эр азаматтарга гана тиешелүү эрдиктин күчү менен жетти. Азыр Турдакун Усубалиевич кутман куракта. Кыргыз үчүн ал ажайган бир туу, кала берсе эл-журттун ар-намысы деп сезем. Ал эч кандай шартта саясатчы катары формасын жогото элек. Ар качандан бир качан бийиктигинен, улуулугунан жазбай толуп турат аксакал.
Аксакалдын учурдагы жашына жеткен бар, жетпегендер көп. Ушу кездеги анын эс-тутуму менен акыл-эсинин тунукт угуна, эмгекчилдигине суктанам. Мен саясатчы эмесмин, жазуучумун. Жазуучу болгон соң саясатта өз пикирим, позициям бар. Кантсе да мен республикадагы татаал саясий кырдаалды Т. Усубалиев аркылуу текшерем. Ал киши өзүнчө эле саясаттын барометри. Коомдук турмушка, саясатка ал өз позициясын билдирген соң санаам тынчый түшөт. Мен ага ишенем, кайсы бир жылы жарыяланган макаламда аны: «Кыргыздын Ден Сяопини» деп айтканым бар. Советтик доордо республикабызды гүлдөп өскөн бийиктикке жеткирген эле. Деги эле анын көз жаздымында калган бир дагы тармак жок болчу. Кыргыз элинин маданияты менен экономикасы аксакалга чейин, андан кийин да дүркүрөп өсө элек. Рыноктун доору – жаңы заманда ал республиканы туңгуюктан чыгаруунун эң бир сонун жол-жобосун көрсөттү эле. Бирок, анын канча бир баалуу демилгеси ишке ашпай, колдоо алган жок. Мен аны курулай жерден мактап жаткан жокмун. Буларды жазып жаткан себебим: аксакалдын керт башына мүшкүлдүү жалаалар жабылып турган чакта дагы, мен бир жолу да кылчактап, ага карата болгон ишенимимди жоготкон эмесмин.
Ага коюлуп жаткан күнөөнүн баары жасалма болчу. Ал күнөөлөрдү Т. Усубалиев кашкайган фактылардын негизинде өз турпатынан алыс ыргытып таштаган. Жаңы муун келип, кыргыз коомчулугу жашарды. Тарых барагы улам акырындай алга кадам таштоодо. Заман өтөт, мезгилди мезгил алмаштырат. Заманга жараша азыр деле аксакалдын ата-тек жайын билбегендер арбын. Жаңы доордун муундары Т. Усубалиевдин өмүр жолун билүүгө милдеттүү эместей. Ошондуктан, келечек үчүн деп, анын тек-жайын чечмелеп кетүүнү ык көрдүм. Кыргыздын салт-санаасы боюнча, ар бир инсан өз уруусунан бөлөк, жети атасына чейин билген. Аксакалдын уруусу кыргыз элинин оң канатынын бири – сарбагыш. Ушу жерден сөздү Турдакун Усубалиевдин өзүнө берейин.
«Менин жети атам сарбагыш уруусунан таралган. Эң түпкү чоң атабыздын бири – Дөөлөткул, анын төрт уулунун бирине Бай деген ат коюшуптур. Мына ошол Бай – биздин чоң атабыз. Байдын беш баласынын бири – Калыгул. Калыгулдун балдары: Ногой, Шыгай, Күнтууган. Күнтуугандан: – Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан – Усубалы. Усубалыдан окурм андарды терең урматтаган мен, Турдакун. Кененсары 34 жашында каза болуптур. Чоң энем Уулкан жаш эле жесир калат. Элдин салты боюнча чоң энем Уулкан кайниси Акидейге күйөөгө чыгат. Менин атам Усубалы Кененсары уулу 1988-жылы, 105 жашында бу дүйнөдөн кетти. Акидей болсо, 1940-жылдын башында, улуу Ата Мекендик согуш башталар алдында каза болду. Анын жашы да токсондон ашкан». Бул маалыматты мен Турдакун Усубалиевичтин «Акылман Калыгул» деген китептеги «Чоң атам Калыгул жөнүндө» деген баш сөзүнөн алдым. Бу маалыматтан бөлөк аксакал түпкү ата-бабасы жөнүндө кабар бербейт. Андай болсо, биз Т. Усубалиевдин түпкү ата-бабасын андан ары чечмелеп көрөлүк. Аксакал кыргыз тарыхында кеңири белгилүү Манап бийден тарайт. Манап тарыхый инсан. Ал Сарбагыштын небереси Дөөлөстүн төрт уулунун бири. Манаптын жашап өткөн доору, ал тургай болжолдоп алганда анын туулган жана өлгөн жылы да белгилүү. Манап кыргыз коомчулугунда аксөөктөрдүн кастасын түзгөн инсан. Мындайча айтканда, манап же манапчылык сыяктуу аксөөк чөйрө кыргызда мына ошол касиеттүү Манаптан башталат. Бу жерде эскерте кетчү жагдай: Манаптын бардык эле тукумдары манап атала бербеген. Манап тукумдарынын көбү букара болуп кеткен… Алар көбүнесе: «Чала манап», «Ач манап», «Ток манап», андан ары «Чынжырлуу манап» деп жиктелген. «Чынжырлуу манапка» Абдыкерим Сыдыковдун аныктоосу боюнча эл башы болгон хандар же бийлер кирген. Турдакун Усубалиевич илгертеден бери эл бийлеген, эл коргогон «Чынжырлуу манаптын» тукуму. Эми Манаптын жашап өткөн дооруна жана бул аттын кандайча чыкканына токтололук. Тунгуч тарыхчыбыз Белек Солтоноев өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхында» Манапка атайын токтолот да: аны 1595–1600-жылдары төрөлгөн деп көрсөтөт. Манап Кылжырдын уулу Дөөлөстүн (Дөөлөсбакты) эң кенже баласы. Манаптын энеси Б. Солтоноевдин бир маалыматында калмак бийинин кызы. Экинчи версиясында Жезбийке Анжыяндык кожо-сейиддердин кызы. Бирок Жезбийке Манап боюнда бар кезинде эле Дөөлөстүн байбичеси – курсагын таңып жүрүп, акыры мен төрөдүм деп өз энесине бербей асырап алат. Ошондо касиеттүү Жезбийке – сейиддердин кызы болгондуктан, баланы алсаң мейли, атын өзүм коёюн деп суранып жатып, анын ысмын Манаф коёт. Кожо-сеиддер Мухамбет пайгамбардын тукумдарынан эмеспи. Пайгамбарыбыз Мухамбеттин түпкү аталарынын бири Абдыманаф. Бу сонун фактыны Б. Солтоноев кайдан алганын айтпайт. Неси болсо да Манаф деген ат кыргыз тилинде «ф» тыбышы жок болгондуктан, Манап аталганы чындыкка өтө жакын. Анткени, Мухамбет пайгамбардын төртүнчү атасынын ысмы «Абд Манаф», ошондой эле пайгамбардын өз энеси Аминанын чоң атасы да: «Абд Манаф». Бу маалыматтар америкалык окумуштуу Вашингтон Ирвингдин «Мухамбет» жөнүндөгү китебинде бар. Ошого эле жараша араб окумуштуусу Сафияр Рахмандын «Мухаммад» деген китебинде айтылат. Ушул эле фактыны пайгамбардын өмүр баянын эң биринчи жазган Ибн Искактын «Сират Мухаммад расул Аллах» деген китеби ырастайт. Мухамбет пайгамбар арабдын курайш уруусунан. Демек, Абдыманаф пайгамбардын төртүнчү аталары. Жезбийке эне уулуна Манаф деп ат койгону анда эле чындыкка жакын. «Манап» деген аттын тегерегиндеги башка версияларга токтолгум келген жок…
Жоокерчилик заманга ылайык Манап аябагандай баатыр чыккан. Ошо кездеги кыргыз-казактын ханы энчегер байлуу эр Эшим эли-журтун Ташкенди бийлеген Турсун ханга калтырып коюп, өзү жунгария жактагы калмакка каршы аттанган жортуулда Манап катышкан. Эшим хан Манапты жеңилген калмакка хан кылып коюп, кайта келип хан Турсунду чапкан. Себеби: Турсун хан эр Эшим жортуулда жүргөндө эли-журтун чаап, тоноп алган экен. Манап 1630–35-жылдары өлгөн деп белгилейт Б. Солтоноев. Манаптын тукум-уруктары кыргыздын тарыхый булактарында дурус изилденген. Өзгөчө, С. Абрамзон 1960-жылы Москвада чыккан «Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции» деген фундаменталдуу эмгегинде, Манаптын урпактарын таасын көрсөтөт. С. Абрамзондуку боюнча: Тагайдын уулу Кылжырдан эки уул: Дөөлөс (Дөөлөсбакты) жана Орос (Оросбакты). Оросбактыдан – бугулар. Ал эми Дөөлөстүн төртүнчү уулу – Манап, андан Сүтөй жана Жарбаң. Сүтөйдөн Сарысейит (Качыке). Андан: Үчүкө, Түлкү, Кудаян хан. Үчүкөдөн: Мааматкул, Дөөлөткул. Үчүкө, Түлкү Какшаал тарапта Жаңыл мырзанын колунан өлгөндө Мааматкул менен Дөөлөткул он жаштан жаңы ашкан жаш балдар экен. Бу эки бир туугандын жаш айрымасы эки эле жаштан болгондой. Орус окумуштуусу Кузнецовдун изилдөөсү боюнча Кытай летописи Мааматкулду 1758-жылы токсон жаштан өтүп, өтө карып калган кези деп көрсөтөт. Анда эле Мааматкул 1668-жылдары туулгандай. Демек, анын иниси Дөөлөткул 1670-жылы туулган. Ушул даталарга таянсак, Манап 1575-жылдары жарык дүйнөгө келген. Кыясы, Манап элүүдөн ашып барып өлгөн. Манаптын ата-бабасы Дөөлөс жана Кылжыр жөнүндө Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-таварихинде» кызык фактылар бар. Бу кол жазма менен Бартольд 1899-жылы таанышып, анын жазылыш доорун 1494–1495-жылдар деп эсептейт. Кийинчерээк окумуштуулар Тагиржанов менен Ромадиндер кол жазма 1591–1592-жылдары жазылып бүткөн деп тактоо киргизет. Кол жазмада жарым жартылай тарыхый фактылар менен көбүн эсе кыргыз жана Манас жөнүндө легендалар келтирилген. «Мажму ат-таварихтин» IV бөлүмүнө кайрылып, кол жазманын орусчасын келтирейин. «Сейид (Мир Жалил) приехал в Ширкент, пришел в ханаку своего великого отца – сейида Жалал-ад-Дина. В ханаке сейида Жалал-ад-Дина угощение устроил, весь коран прочитал, духу отца сделал подношение». Сейид деген ыйык титул Мухамбет пайгамбардын тукумдарына гана таандык болгон. Алар Орто-Азияга Чынгыз хандан мурда эле келишип, элди мусулман динине тартышкан. Андан ары «Бир нече күндөн кийин Көккыядан Тагай келип, Мир-Жалилди мейманга чакырып, өтө суранды, ал тургай жалынды. Сейиддин макулдугун алган соң, алар Ширкенттен чыгышып, Тагайдын үйүн көздөй жол тартышты» деп жазат. Көккыя деген жер азыркы Аксы районунун башында дагы эле болсо бар. Тагай Бахадурдун ал кезде алты уулу болуптур. Тагай үйүндө Сейидге зор сый көрсөтөт. Андан соң Мир-Жалил Маулан Азамдын урматына дуба окуп, Тагайды бала-бакыралары менен кошо сыйынтат. Кыясы, бу жерде Тагай бий бала-бакырасы менен дуба окуп, сыягы мусулман динине киргендей. Андай болсо, тарыхтагы Мухаммед-Кыргыз Тагай, анын мусулман динин кабыл алгандагы аты – Мухаммад. Андан ары кол жазмада Тагайдын алты баласын: Койлон, Кылжыр, Богорстон, Кара Чоро, Саяк жана Дөөлөс деп көрсөтөт. Ошондон кийин, алты уул, алты уруу журт болуптур. Алар: Койлондон – жедигер, Кылжырдан – бугу, Богорстондон – солто, Кара Чоро, Саяк, ал эми Дөөлөстөн – сарбагыш… «Мажму ат-таварихт» боюнча Дөөлөс Кылжырдын баласы эмес, анын бир тууганы. Деги эле, ушу кездеги кыргыз урууларынын структуралары менен «Мажму ат-таварихте» эч кандай айрыма жок. Бу кол жазма ошо кезде эле кыргыз урууларын так бергенине таң каласың.
Турдакун Усубалиевич жөнүндө очеркти жазып жатып, жогорудагы Манапка байланыштуу фактыларды келтирүү менен бирге – мен темадан четтеген жокмун деп ойлойм.
Демек, аксакал саясий аренада кокусунан пайда болгон жетекчилерден эмес. Анын кыргыз элин көп жылдар бою жетектеп, республиканы гүлдөп өсүшкө алып келиши тарыхый шарттуулуктан, зарылдыктан улам келип чыккан. Өз мезгилинде бабасы Калыгул олуянын: «Менден экөө катар чыкпайт, бирден үзүлбөйт» – деп көрөгөчтүк кылганы олуялык эмей эмне? Бир мезгилде аксакалды эч ким «Чынжырлуу манаптын тукуму» деп айтууга даабаса, мен аны биринчи жолу жазып отурганым үчүн сыймыктанам. Чыккан жерден чыгат, аккан арыктан суу агат дегендей, Турдакун Усубалиевич канчалык көсөм болсо, анын башаты өтө таза эле. Кара кылды как жарган калыс, олуя Калыгулдун айткан, дегендеринин баары төп келип, ага эч ким кылапат айтып, бетине чыкпаган болсо: «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок», – деп ал өзү да улуулугунан тайбай, керт башына чаң жугузбай жашап өткөн экен. Калыгулдун алтын сөздөрү жерде калган жок. Жана ал эскире да турган эмес. Доор өткөн сайын кайра күчүнө чыгып, улам жаңырып, ар мезгилге өзүнчө жарашып, үндөшүп тургандай. Калыстык сөзүн айтууда Калыгул хандан кайра тартпаган. Мисалы, Ормондун хан аталып, даражасы көтөрүлүшүнө канчалык салым кошсо, ал калпыстык кетирген кезде, кемчилдигин да бетке айткан дейт. Бугу-сарбагыш жаңжалы чыгарда Ормонду далай жолу эскертет. «Ордо ойнуңду токтот, ортоңор кан жыттанып турат» дегенде болбой койсо, көл башындагы бугуларга көчүп кетип, ошо жакта жүрүп көз жумган экен. Сөзсүз, Ормон хан дагы Калыгулду кудайындай көрүптүр. Ал келатканда өзү барып атын алып, аны «баатырым» деп сыйлап турган. Ормон Ормон хан аталып турганда менин тукумумду сындап бер деп өтүнүп туруп алганда, айласы кеткен олуя: «Сенин тукумуң майдаланып, жыгач жонуп калат» деп бетине айткан экен. Анын бирөөлөргө берген батасы бөөдө кетпеген дешет. Анын батасы тийбеген адам болбоптур. Өз учурунда Калыгулдун батасы Шабдан менен Байтикке да тийиптир… Ошондон кийин, алардын арааны жүргөн экен. Буларды жазып жаткан себебим: аксакал касиеттүү жердин кулуну. Тарыхый чындык акыры бир күн тышка чыгыш керек.
«Турдакун Усубалиев – өз доорундагы өтө билимдүү, ички деңгээли, маданияты бийик, кыраакы, иштерман, чыдамкай, туруктуу, өтө адилет, бир байкасаң көңүлү гүлдөй жумшак, ошого жараша эрки болоттой чың, ал тургай көкжал инсандардан. Ал өзүнө кур бекер катылып душман болгондордун катыгын бере алат, жемин эч кимге жедирбейт. Какайганга какайгын, пайгамбардын уулу эмес, ийилгенге ийилгин атаңдан калган кул эмес, – деп олуя бабасы айткандай, ал достошуунун сырын чебер өздөштүргөн кыраан саясатчы. Не бир көптөгөн дискуссияларда ал фактыга таянбай негизсиз сүйлөп, курулай кызыл кекиртектик кылган учурун жолуктура албадым. Тамак-ашка, дүнүйө мүлккө суктук кылганын ылайык көрбөдүм. Жеке турмушунда ал өтө топуктуу. Кийген кийим, күнүмдүк тирлигиндеги ичип-жегенине чейин көпчүлүктөн эч бир айырмаланбай сыпаа жашап келет. Аны менен баарлашып отуруу өзүнчө рахат, бирөөлөр менен маектешүүнүн маданиятын сонун билет, анын канында табигый адептүүлүк бар. Маектешип отурганда адамдын сөзүн бузбай аягына чейин уга билет, ыктуу сөзгө тез жыгылат. Билгенге ал «жакын туруп ыраак, алыс туруп жакын, бийик туруп жапыз»… Мындан үч жыл мурда «Обо» гезитине чыккан бир макаламда мен Т. Усубалиевдин кулк-мүнөзүн, табиятын ушундайча сыпаттаган экенмин.
«Кумда жүргөн кулан кулаганда, кулагынын жанына туруп алып кургак бака чардайт» деген кыргыз-казактын эзелки макалы бар. Анын сыңарындай аксакал пенсияга кеткенден кийин, анын ишмердигин жаманаттуу кылуу үчүн мамлекеттик деңгээлде компания уюштурулуп, Кыргызстанда ага асылгандар арбын болду. Алардын баары өз учурунда аксакалдын жакшылыгына бөлөнүп, кызматтан кызматка көтөрүлгөн арсыз адамдар эле. Андай жалаанын баарын Турдакун Усубалиевич кашкайган фактылардын негизинде четке какты, өзүнүн күнөөсүз экенин далилдеп чыкты. Мына ошондон улам бир профессордун макаласына мен берген жооп басма сөз бетинде жарык көргөн. Ал оюмду дагы бир жолу бышыктагым келет. «Мен дагы аксакалды адегенде кыйыр түрдө алыстан таанысам, кийинчерээк кызматташ, пикирлеш, насиптеш, тилектеш катары жанында жүрдүм. Нечен ирет съезд, пленум, бюро башкарганына катышып, топ жыйындарда сүйлөгөнү, маселе чечкени көз алдымда. Не бир жооптуу деген экономикалык, маданий, саясий маселелер менен катар күнүмдүк эле чарба иштери аксакалсыз чечилбей турган. Өз учурунда Т.Усубалиев республиканын күрөө тамырын колунда кармап, анын жүрөгүнүн ар бир кагышын үзгүлтүксүз тыңшап тура алды. Менимче, ал көзөмөлгө албаган орчундуу маселелер жокко эсе болчу. Турдакун Усубалиев Кыргызстанды жетектеген 25 жыл ичинде маданият, экономика, айыл чарба жана өндүрүш ишканаларынын материалдык-техникалык базасы толук түзүлүп, ордо калаабызда интеллигенциянын жаңы типтеги калың катмары пайда болду. Ошо кезде аттуу-баштуу, орто-кичине, чоң дебей ордо калаадан үйлүү болуп, турук албаган кыргыз аз. Аксакалдын тушунда Кыргызстан өстү, гүлдөдү. Мунун баарын мисал менен бышыктай келсек факт толтура, – деп келип, андан ары оюмду минтип улантыптырмын. – Менин дилимдеги ишеним боюнча, Турдакун Усубалиев кыргыздын бактысы үчүн бир жаралган инсан. Ага катылып, жаман аттуу кылгандардын көбү түбү келип оңуп кеткен жок. Кудай алдында мен ушу пикирди жоопкерчилик менен айтып жатам. Ар кандай эле маселени чечүүдө ал адилеттүүлүктөн жазган жок. Бир дагы маселени күчкө салып өткөрчү эмес. Аны кекчил эле деп жазып жүрүшөт. Бу дагы калп, мен билгени анын тушун да бир дагы саясий жана чарба жетекчиси түрмөгө камалып, үй мүлкү конфискацияланбады. Ал тургай иштен алынган жетекчи кадрлар анын көзөмөлүндө болуп, камкордукка алынчу».
Горбачев бийликке келгенден кийин жалган жерден, чет жактагы улуу мамлекеттердин тапшырмасы менен «Гласность», «Кайра куруу» деген терминди бетке кармай улуу өлкөнүн быкыйын чукуй баштадык. Ошо шылтоо менен Өзбекстан, Казакстан аябай жаман аттуу болуп жаткан. Андан бери келип Кыргызстандын башында 25 жыл турган кутман аксакалды жок жерден, курулай жамандап киришти. Москвадан баштап, республиканын партиялык съезддери менен пленумдарына чейин Т. Усубалиевдин «быкыйын» чукушуп, ал тургай компартиянын катарынан чыгарып тынышты. Бу очеркте ошо мезгилди айтпай кетсем, мен ыйманыма камчы чапкан болор элем. Мунун баарын кылгандар аксакалдын тушунда жыргап-куунап жүрүшкөн өзү көтөргөн кадрлары болучу. Учуру келгенде кээ бир мыкты чыкма жетекчи сөрөйлөр жүзүкаралыкка, карөзгөйлүккө бара беришет экен. Ал тургай айрым министрлер, академик сөрөйлөр, ЦКнын жооптуу катчысы, Турдакун Усубалиевичти түрмөгө камап, үй-мүлкүн опус кылыш керек деген сунуш менен чыгып сүйлөгөнүнө өзүм күбө болгом. Жалган илимпоз, бир дагы оңдуу макала жаза албаган академик – илимдер академиянын башында ал он жылдап турганына карабай: «Теги боюнча Усубалиев хандын тукуму. Ал башында эле кыргыздын душманы болчу. «Эл душманын» түрмөгө тыкпаса болбойт», – десе боло.
Деги эле карабеттикке дабаа болбойт экен. Мындай чакта ал чөкпөдү, муңбады, ызасына чыдабай арак ичип жатып алган жок. Көшөргөн бойдон ар-намысын бербей, акыры өзүнүн таза экенин далилдеп, Москва аркылуу акталып чыккан. Ошо кезде мен анын жанында такай болдум. Бу кишинин актыгынан, тазалыгынан кылдай да күнөм санаган эмесмин. Москвага түшкөн каралоо каттардын биринде «Усубалиев 25 жыл бою өкмөттүк дачадан тамак-ашты пул төлөбөй бекер ичкен, Кочкордогу өз айлына дворец салган» деп айыпташкан экен. Ал катты ЦК КПССтен текшерип келген грузин сурак алганда, аксакал жыйырма беш жылы өкмөттүк дачадан ичкен тамак-аштын төлөнгөн квитанциясын: күнүнө, айына, анан ар жылдагысын өзүнчө алдына таштап коюптур. Эси оогон грузин Кыргызстандын парткомиссиясынын башчысын алып, Кочкорго барат. Анан аксакалдын атасынын үйүнүн жанындагы узун дубалды, жалпак шифер менен жабылган тамды көргөндө жанындагы «как чекеге» «мени кайда алып келдиң? Мага дворец көрсөт. Мен сарай көргөнгө келген эмесмин» дептир. «Аксакал курган дворец ушу» десе, кайрылып кетип баратып: – «Эл эмес турбайсыңарбы, кыргыздар! Силерде бет барбы? Мындай сарайда биздин жөнөкөй колхозчу да турбайт», – деп келер келгенче парткомиссияны башкарган эме менен сүйлөшпөй коюптур. Аксакал пенсияга чыкканда уча турган канатынан башка эч кандай артыкбаш байлыгы жок шумкар сыяктуу салт чыкты. Ээр токуму шыпырылган аргымактай кара башын алып чыкты. Ара чородо минип жүрөр менчик машинеси да жок эле. Ал тургай илгерки кийген кийим кечесин жаңыртпай, он жылдап жүрдү. Ошентип, аксакал жетектеген Кыргызстан жалпысынан таза эле. Бир дагы жетекчи казна уурдаган адам катары түрмөгө түшкөн жок. Анткени, Турдакун Усубалиевич эл башы катары өзү таза болчу. Учурунда анын жеке керт башына не деген гана күнөөлөр коюлбады. Бирок, алды аны жеп-ичкен, казына уурдаган деген айып коюлган эмес. Доомат коё турган, каралай турган факт жок болсо анан кан тишет.
Мен качанкы өткөн окуядан кеп козгоп жаткан себебим: кутмандуу карыябыздын кулк-мүнөзүн ачууда, бу фактылар келечектеги жаш муундарга үлгү болсун деген максатты көздөп олтурам. Ошо кезде мен кутуруп, жок жерден Т. Усубалиевге асылып жаткан замандаштарына жооп иретинде «Чалкан» журналына «Кыргыз эли аксакалдарга качан жарыйт» деген макала жазгам. Далайынын атын айтып, карыя катары силерде бет барбы? Кече эле Усубалиевдин аркасы менен май-талкандын үстүндө жүргөнсүңөр деп, аларды ар-намысына келүүгө чакыргам. Ушу жерден эскерте кетейин: Мен спецполиклиникада жүрсөм, мурдагы совминдин председатели А. Сүйүнбаев жолугуп калды да: «Ай, Асанбек, мен сенин макалаңды окуп, жети өмүрүм жерге кирди. Өзүм үчүн эмес, өзүмдүн жолдошторум үчүн күйдүм. Сен туура маселе козгогонсуң. Бирок, эсиңе алып кой: Москвасы баш болуп, ар кайсы жакка жазылган көп арыздардын ичинде мен жокмун. Мен актанбайм, иним. Бирок, чындыкты айта жүрөлүк. Акыры бир күн тиги дүйнөгө кетебиз, алды абийирибиз таза болсун. Мен Турдакунга катылганым жок», – деп бакылдай күлгөн. Мен ал кишиге ишенгем. Анткени, турушу менен ал эр болчу.
* * *
Турдакун Усубалиевич 50 жашка чыккан күн эсимде. Анда мен Партиянын Борбордук Комитетинде инструктор элем.
Ошо жылы, декабрь айынын ортосу бекен, айтор, Борбордук Комитеттин чоң залында жумуштун аяк ченинде чогулдук. Эмне маселе боюнча экенин эч ким билбейт. Турдакун Усубалиевич келип биринчи катарга отуруп калды.
Президиум деген жок. Анан алдыга Жамал Ташыбекова баштаган аял кызматкерлер чыгып, Турдакун Усубалиевичти куттукташкан соң, эки корзина гүл тапшырышкан.
Башка эч ким куттук айткан жок. Басма сөз жааты, радио, телекомитет эч кандай маалымат бербеди. Ошо бойдон Турдакун Усубалиевичтин элүүгө чыкканын Кыргызстан боюнча эч ким билбей калды. Жетекчидеги сыпайычылык, карапайымдык деген ушул эмеспи. Кийинчерээк ал Ленин ордени менен сыйланганы жөнүндөгү указды «Правда» гезитинен окудум. Мен аксакалдын 60 жашка чыккан күнүнө да күбө болгом. Ал дата дагы үй-бүлөнүн гана чөйрөсүндө белгиленип, республикага эч кандай чуу түшкөн жок эле. Мен анда Маданият министрлигинде министрдин биринчи орун басарымын. Кондучалова эже экөөбүз көпкө ойлонуп отуруп, куттуктоо катты атайын каллиграфистке кол менен жаздырып, анан аны чийден согулган түтүкчөгө орой, аксакалдын помощнигине гана таштап кеткенбиз.
Мен жакшы билем: ошол 60 жылдык юбилейинде Турдакун Усубалиевичке тууган-уруктары бир гана саймалуу кымкап чапан жабышкан. Ал кезде эч ким ага баалуу белек берүүгө даабады. Аксакал өзү да буга жол берген жок. Аксакалдын колунун жана жүрөгүнүн тазалыгына мындан артык мисал келтирүүгө мүмкүн эмес. Ошо кезде аксакалдын үй ичинен бир дагы ашыкча баалуу мебель, ал тургай кымбат идиш-аяк көрбөдүм. Айткандай, өз заманында Ленин, Сталин кандай карапайым турмушта жашаса, аксакал да ошолор сыяктуу жашап келатат.
Мен ойлойм: ар кандай эле эл башкарган адамдын жүзүн анын тегерегиндеги кошо иштешкен соратниктери, жан-жөкөрлөрү түзөт. Демек, жетекчинин накта жүзүн, облигин ал өзү тандап алган кызматташтары аныктайт. Падыша өзүнүн вазиринен тартып, мажес, паракор, даремети чийки адамдар менен курчалса эле, ал анын шору. Кур мактоо, кошоматчылык акыры жүрүп жетекчинин шоруна калат. Мактоону жакшы көргөн эл башы тарыхта калбайт. Кыйындардын ичинен кыйын, кыраандардын ичинен кыраан болуп көрүнүш – бу улуу луктун белгиси.
Мен билгени Т. Усубалиев өз заманында мыктылардын ичиндеги мыктысы, кыраандардын ичинен чыккан кыраан, кадр саясатында ал киши устат эле. Сөзсүз, учуру келгенде аны далайлар сатты. Бу башка маселе, ал тургай Раззаков иштен кеткенде, кечээки эле соратниктери аны да сатышкан! Тарыхта сатылуу, сатып алуу болгон, ал мындан ары да болот. Курулай мактоо менен жалган даңкка алдануу, акыры келип кубаттуу СССРди жетектеген чалдардын түбүнө жетпедиби. Т. Усубалиев кызматынан өз убагында кетти. Кандай айтса да, ал киши кечиккен жок. Бу мансабың түшкүргө ким тоюптур? Байлык – дүнүйө мүлк кимге опа болгон? Деги эле, мансаптан өз учурунда баш тартуу чоң искусство. Эл башы акыры келип, тарых алдында жооп берер күндү эстен чыгарбаш керек…
Дүнүйөнүн артынан түшүп, өз элин кызыл уук кылып тоног ондор акыры оңбойт. Демек, Усубалиевдин бактысы ушунда: ал башынан топуктуу, дүнүйөкор эмес. Ал инжилде айтылгандай: көгүчкөндөй карапайым, жыландай акылман, арыстанча эр жүрөк.
Турдакун Усубалиевичтин портретин ачыш үчүн дагы да болсо, мисалдар келтирейин. Партиянын съезддеринен тартып пленум, бюро же ар кандай жыйналыштар, же жекече жолугушуулар болобу, мен билгени, ар кандай жетекчинин адресине сындар айтылчу. Сын аны оңолсун деп, камкордук менен айтылчу. Алды Усубалиев тарабынан кол алдындагыларды кур бекер кагып, аны кордогон учурун ылайым көрбөдүм. Мен байкаганы ал ачууга алдырып чычалап, терикчү эмес. Деги эле жетекчи деген ар нерсеге тез теригип, кол алдындагылар менен кайым айтышып калганда эле башынан бактысы таят.
Ошол жылы К. Кондучалова пенсияга кетип, жаңы министр менен иштешип калдым. Күлүйпа эженин бир жакшы мүнөзү – ЦКнын бюросуна отчетко барганда канчалык жеме укса да: «Бу маселеге мен жооптуу эмесмин, орун басарымдан сурагыла», – деп бизди салып берип кутулуп кетпей, кашкайып туруп, кемчиликтин баарын өз мойнуна алып коёр эле. Бир кезде Борбордук Комитеттин маданият бөлүмүн У. Орозова деген башкарып, катуу иштеп жаткан адамдан бетер, ЦКнын бюросуна далай маселелер даярдап, ишке өтө бир жактуу мамиле кыла баштаган эле. Ал бийкеч Т. Океевге, Б. Жакиевге катуу асылып, ал тургай Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» – деген романы боюнча коюлган спектаклине кошо, М. Байжиевдин, К. Акматовдун пьесаларын бюронун талкуусуна алып чыкты. Коюлган айыптар өтө катуу: идеясыздык, Совет өкмөтүн каралоо, мелкотемье. У. Орозованын докладынан кийин жаңы министр жакшы жооп бере албай какап-чакай айласы кетип, член бюролор: М. Байжиевдин «Алыска жүрчү поезд», К. Акматовдун «Ажырашуу түнү» деген спектаклдеринин сазайын берип жатышты. «Пьесаларды окуп чыктык, советтик турмушту «опошлять» этип булгап жазыптыр» деп чыкса, дагы бир философ «Архи, архи» деген сүйгөн сүйлөмдү улам айтып, туурадан жырып таштады. Т. Усубалиев өтө токтоолук менен, үнүн адаттагыдай акырын чыгарып, «бу Министерстводо иштеген киши барбы? – деп келип, – кана жолдош Стамов, ал жайды түшүндүрчү», – деп мага сөз берди. Мен ордуман туруп барып, Айтматовдун романы боюнча коюлган спектаклде айып жок. Биз романдан четтеп кеткен жокпуз. Спектаклдин финалы «светлый» бүтөт. Мен бу спектаклди Москвадан М. Улья новдун аткаруусунда көрдүм. Биздин спектакль оң планда коюлган. Ал эми М.Байжиев менен К.Акматовдун пьесаларында бир дагы терс каарман жок. Бирок, драманын законуна ылайык конфликттүү ситуациялар учурайт. Ансыз драма болбойт. У. Орозова иштеп жаткан киши сыяктуу көзгө көрүнө албай жатат. «Она занимается самоутверждением». Бу айым менен иштөө өтө оор болуп калды, – дедим. Турдакун Усубалиевич бир аз ойлоно түшүп: «Андай болсо, арадай жерге чарадай чыр чыгаруу кимге керек? Бу маселени ЦКнын маданият бөлүмүндө эле карап койсо болбойт беле», – деп маселени ырбат пай эле жаап таштаган. Аксакал ар качан жүйөөлүү пикирди дайыма колдой турган.
* * *
Очеркте мен элибиздин кутмандуу карыясын мактаптүзөйүн деген ойдон алысмын. Менсиз деле анын тарыхта орду бар. Кыргыз журтчулугу тегиз билет, сыйлайт. Ошондой болсо да: «Көзүм барда бир ооз жылуу сөз укпай, көз өткөндө мактаганың курусун», – деп Алыкул акын айткандай, тирүүлүк түбөлүктүү эмес деген ойдо, жүрөккө багып жүргөн бир купуя сырымды көпчүлүккө алып чыккым келди. Ак кагаз бетине түшкөн сөз, кандай айтсак да тарыхка айланат. Ал эми тарых үчүн жазылганды болочок ылгайт. Ошондуктан, бу жердеги жазганым, менин гана жеке пикирим. «Оо Кудай, жаңылбасам экен» деп тобоо кыла калем шилтеп отурам.
Калыгул бабасынын мурастары топтолгон бир томдун баш сөзүндө аксакал 1939-жылы пединститутта окуп жүргөнүмдө улуу көсөм Сталиндин 60 жылдык юбилейине карата мыкты окуганым үчүн «Сталиндик стипендия алып жүрдүм» деп баса белгилейт. Институтту бүтүргөн соң аксакал партиянын Борбордук Комитетинде иштеп жүрүп, Москвадагы жогорку партиялык мектепке жиберилет да, аны «отлично» бүтүргөнү үчүн ЦК КПССтин аппаратында кызмат өтөөгө калтырылат. Ошо бойдон туура он жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келет да: «Кызыл Кыргызстан» гезитине башкы редакторлукка шайланат. Кийинчерээк Кыргызстан Борбордук Комитетинин агитация жана пропаганда бөлүмүн жетектеп туруп, анан Фрунзе шааркомуна I секретарь болот. Аксакалдын өмүрүндөгү бу келки мезгил өтө бир чоң сыноонун учуру эле. Ал кезде Сталин башында турган ЦК КПССте тартип өтө катуу эле да. Күнү-түнү тынбай иштеп, нечендеген жооптуу тапшырмаларды аткарып справка, документ иштеп чыгыш үчүн темирдей эрк, эмгектенүүдөн башка чыныгы талант керек болуучу. Анан калса таптакыр эле орус чөйрөсү жок, карапайым элет жери Кочкордо өскөн жаш жигит үчүн мындай сыноо оңойго турб аганын түшүнүү керек. Болбосо, Т. Усубалиевдин өзүнүн айтуусу боюнча нечендеген грузин, татарларды айтпаганда да, орустун эле кашкайган, далай жөндөмдүү жигиттери КПССтин аппаратында иштөөгө чыдабаптыр. Ал эми Турдакун аттуу кыргыздын карапайым жигити – ал ыйык жерде он жыл иштеп жатышы эрдик эмей эмне! Жалаң менин өзүм үчүн эле Кыргызстандын ЦКсында иштөө оор болгон. Демек, аксакал жаш жигит кезинен татаал жолду басып, улуу мектептен окуп, такшалып чыкканын эл-журт, жаңы муун билип коюш керек. Баатырды билегинен тааныбай, жүрөгүнөн тааны дейт кыргыз…
25 жыл ичинде аксакалдын республикабызга келтирген пайдасын, опол тоодой иштерин анализдей келсек, анда өзүнчө томдук эмгектер чыкмак. Антүүгө бу чакан очерктин чаркы жок. Анын үстүнө Турдакун Усубалиевич жарыкка чыккан төрт томдук мемуарында өтө дыкаттык менен, кашкайган фактылардын негизинде өзү учурунда жасаган эмгектерин жазып калтырды. Мемуардын кезектеги 5-тому жарык көрүүнүн алдында турат. Мындан бөлөк ал чыгаан публицист катары: жер суу, чек ара маселеси, кен байлыгыбыз, өнөр жай менен айыл чарба, экономика, маданий агартуу тармагы боюнча бир катар китептер чыгарды. Аксакалдын эмгектери бүтүндөй кыргыз турмушундагы энциклопедия. Ал эмгектерди төгүнгө чыгаргысы келген бир дагы терс пикир укпадым. Анткени, бардыгы чындыкка, фактыга таянып жазылган. Дагы айтам: аксакал кыргыз турмушунун академиги, мыкты публицист. Ар бир эле тармак боюнча айткан, дегени не бир менменсиген илимпоздун иштеринен ашса ашат, алды кем турбайт. Өткөн жылы токойчулардын съездинде аксакалдын докладын уккан адистер таң калып, анын сөзү эң сонун илимий ачылыш катары кабыл алынды. Мен аксакалдын эрудициясына, терең дигине суктандым. Кыргызстандын кен-байлыктары, алтын боюнча жазгандарын окуп, курулуш иштеринде андан өткөн мыкты инженер болбойт дечүмүн ичимде. Мындай универсал, турпаты бүт бойдон илимге сугарылган саясий, коомдук ишмер бир гана келет. Турдакун Усубалиевич тартиптин, дисциплинанын адамы. Тулку бою бүтүндөй эле акыл. Мен билгени, искусство, адабият, маданият маселелеринде ал жаңылып, калпыс сүйлөгөн жан эмес. Анын тушунда Кыргызстандын искусство-маданият жамааты өсүп, өнүгүп, өзүнүн туу чокусуна жеткен эле. Биз жазуучулар өзүбүзчө бир элитардык сословия болчубуз. Маданий ишмерлеринин баркы, даңкы анын тушунда көкөлөп өстү.
Ал жылы Ысык-Көлдүн боюна саякатчы Семенов-Тяньшанскийдин эстелиги коюлмак. Мен эксперт комиссиясынын төрагасымын. Москвадан бери адистер учуп келип, эстеликтин проектиси, макети жактырылган эле.
Эстеликтин автору Ленинграддын көркөм академиясын бүтүргөн, дүйнөгө таанымал скульптор В. Горовой. Комиссия эстеликтин кабыл алынган макетин Турдакун Усубалиевичке көрсөтүп коюуну чечкен. Макет коюлган залга келген аксакал шашпай көпкө ойлонуп турду да, анан Горовойдон: «Сиз илгерки саякаттарда минилген жылкыны көрдүңүз беле?» – деп сурады. Жигит уяла түшүп, «көргөн жок элем» деп чынын айтты. Көрсө ал, жылкыдан жылкынын айырмасы жок деп ойлоптур. «Сиз чыныңызды айттыңыз, рахмат. Бу жердеги орус тукумундагы жылкы, карачы сөөктөрү чоң, ал тургай аттын туягында така жок. Түшүнүп турам, сиз буга искусстводогу шарттуулук деп жооп бергени турасыз. Алматыдан бери таштуу капчыгай аркылуу ашып түшкөн аттын туягы түшүп калбайбы? Менимче, ал кездеги мылтыктын маркасы башкачараак болгон. Семенов-Тяньшанскийдин кийген кийими менен ат жабдыгына чейин айтып, жайдары түрдө, сиз этнография музейлерди бир сыйра көрүп чыгыңыз? – деди да, анан эстеликтин масштабына чейин эринбей айтты. – Мен сизди окутуп жаткан жокмун. Бирок искусстводо «чувство меры» деген түшүнүк бар эмеспи», – деп оюн бүтүргөн. Эшикке чыктык. Көп сүйлөбөгөн адис: «Баарын туура айтты, кайра иштебесем болбойт», – деп Ленинградга кетти да, дагы жарым жылча Т. Усубалиевдин «замечаниеси» боюнча иштеп, эстелик экинчи жылы гана өз ордун тапкан.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги орус саякатчысына коюлган эстелик искусство адистеринин пикири боюнча дүйнөлүк шедеврлердин катарына жатат. Ушул азыр аны кыргыз журтчулугу анча элес албай жатканына ичим күйөт.
Айтмакчы, искусство, адабият жана маданият тарма гыбыз менен анын материалдык базасы боюнча Кыргызстан, атаганат, анда Союздук республикадагы эң бир алдыңкы орундарда турар эле. Улуу искусство чеберлерибиз:
М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева, Т.Садыков, Г.Айтиев жана А.Жумахматов, Д.Күйүкова, С.Жумадылов, Б.Миңжылкиев, К.Молдобасанов, Н.Давлесов, У.Сарбагышев, Ч.Базарбаев, Р.Чокоева, Х.Мухтаров, С.Чокморов, Т.Океев, жазуучулардан: Ч.Айтматов, Т.Касымбековдор аксакалдын камкордугу аркылуу, ошо совет доорунда ачылган. Эсимде калыптыр: жай айы чен, түштөн кийин мага телефон чалды. Помощниги Т. Усубалиев менен сүйлөшөсүң дейт. Чоочуп кеттим, анан калса, биринчи жетекчинин сүрү канча. Бир маалда анын жумшак үнү чыкты. «Бу Тургунбайды эмне колдобойсуңар?» – дейт. «Колдоп эле жатабыз»… «Эгер колдогонуңар анык болсо, аны министерствонун атынан Лениндик сыйлыкка көрсөткүлө. Эч ким билбесин. Жакшылап далилдеп справка жазгыла. Протоколу кошо болсун, үч күндөн кийин бир кишини атайын Москвага жөнөт. Катты Лениндик сыйлыктар боюнча комитетте каттатып келсин. Мен баары менен сүйлөшүп койдум». Биз үч күн бою, күнү-түнү иштедик. Айтор, Тургунбай Садыков Лениндик сыйлык алууга татыктуу деп далилдеш зарыл эле. Баса, ал кезде К.Кондучалова отпускада. Анан көп өтпөй, Лениндик сыйлыктар боюнча комитетке, Т. Усубалиев өзү кол койгон кат кетти. Андан кийин да тынч жатып албай, комитетти жадаткандай болду аксакал. Тургунбай сыйлык алганга чейин, ал комитет менен байланышын үзгөн жок. Ал сүйлөшүп, макулдугун албаган адис калган жок. Оңдой берди болуп, ошентип Т.Садыков аксакалдын күчү менен Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Айта берсе, Н. Молдобасановдун «Жер эне» деген балет-ораториясы дагы анын тикеден-тике кийлигишүүсү боюнча СССР мамлекетинин сыйлыгын алган. Кыргыздын искусство чеберлери бүт бойдон «СССРдин эл артисти» деген жогорку наамдар алышы – бул Т. Усубалиевдин гана демилгеси. ЦКнын бюросунун чечимисиз алар ишке ашчу эмес. Наамга указ чыкканга чейин эч жан билчү эмес. Ал өтө жашыруун сыр боло турган. Аксакалдын тушунда Кыргызстандагы театрлар бүт бойдон, областтарга чейин жаңы курулган имаратка ээ болушту. Опера театры баштан-аяк реставрация болуп, алтын менен сырдалды. Искусство музейи менен жаңы филармониянын ар бир деталы индивидуалдуу проект боюнча, Уралдын атактуу заводдорунда даярдалып, спецсамолет менен алынып келинер эле.
Мындан бөлөк, жер-жерлер менен райондордун борборлорундагы жаңыдан курулуп жаткан маданият дворецтери жана клубдарчы. Белгилей кетсек, а кезде азыркы филармония менен өкмөт турган ак сарай тең катар курулуп, Токмокто гранит жылмалоочу жаңы завод күнү-түнү иштейт. Курулуш тармагын Апас Жумагулов курировать этип, Турдакун Усубалиевич күн сайын таң атпай объекттерди өз көзү менен көрүп кетет. Ар күнү кечки саат он ченде Апас Жумагулов тресттердин жетекчилери менен совещание өткөрүп мен катышчумун. Жыйналыш көп учурда түнкү саат 12ден ашып барып бүтчү. Мындай талапты, иштин ритмин көтөрө албай азап чекчибиз. Айла канча, талап ошондой, а бирок мындан бөлөк министерствонун өзүнүн негизги күнүмдүк иштери канча? Ал кезде аксакалдын ишти талап кылуудан башка жеке кызыкчылыгы жок эле. Азыр ал жөнүндө айтсаң көпчүлүк таң калар. Ошон үчүн республика өсүп-өнүп жатпайбы. Айтса, аксакал тарабынан театрлардын негизги көшөгөлөрүнө чейин контролго алынчу. Кайсы көшөгө кайда заказ берилип, материалы эмнеден экенин да сурайт. Уят болбош үчүн майда-барат нерсеге чейин эске алчубуз.
Мен ушул азыр филармония менен өкмөттүк ак сарайга кирген сайын, алардын ар бир түркүгүн боорума кыскым келет. Азыркы учурда филармония менен өкмөттүк имараттын бир эле түркүгүн тургузуу оңойго турбайт деп ойлойм. Нарын Суусунун боюндагы ГЭСтер улуттук байлыгыбыз, анын баары аксакалдын тушунда курулган. Ошол улуттук байлыктар азыр элдин күнүмдүк турмушун жеңилдетмек тургай, энергиянын кымбатташынан көпчүлүк адамга азап болуп жатат. Эгерде аксакал дагы бир аз иштей турганда 6 миллиард киловатт ток берген Камбарата ГЭСи бүтүп калмак. «Кыргызстан перспек тивада 160 миллиард киловатт ток иштеп чыга турган ГЭС курмак эле», – деп Турдакун Усубалиевич кейип калат.
Кээ бир чолок ойлуу сынчылар өткөн доорду аксакалга кошо жамандап келишип, биз Москванын эле көзүн карап, эч иш кылбай, Москвадан дотация алып жашаган республика катары жазып жүрүшөт. Билгилери келсе: ал кезде Кыргызстан толук бойдон кирешелүү өлкө болгон. Нечендеген кубаттуу завод-фабрикалар иштеп жатты го. Андай болбогондо борбор калаабыз баш болуп, майда шаарлар өсөт беле? Аксакалдын демилгеси болбосо, азыркы жаңы аэропорт курулбай калмак. Аны куруш үчүн миллиард куб топурак ташып чыгарылып, миллиард куб бетон таш ташылып келген. Кыргызстандын цемент заводу орто Азиядагы эң бир чоң комбинат болчу. Бул азыр менчикке кетти. Кимге? Эгерде жаңы аэропорт болбогондо Америка «байкуш» Кыргызстанга эмнеге келет эле.
Маданият, басма сөз жана китеп чыгаруучу басмалар Т. Усубалиевдин көз жаздымынан сырткары эч качан калган эмес. Басмалар жөнүндө дагы бир жолу оозар окумуштуунун, ал кезде Москва берген дотацияны бөлүп жеп, жыргап-куунап жансактоочубуз деп жазып чыкканын окудум. Окуп алып таңгалдым. Мен басмакананы жетектеген адам катары жакшы билем, «Кыргызстан», «Мектеп» жана ЦКнын басмасы Өкмөттөн бир тыйын дотация алчу эмес. Булар өтө кирешелүү чарбалар эле. Бир жаман жери: ал кезде ашык кирешенин баарын минфин шыпырып алып койчу. А. Герцендин орус падышасы Петр I жөнүндө: «Народ любит успех и силу», – деп айткан таамай сөзү бар. Ушу айтылган сөз Т. Усубалиевдин адресине төп келет. Ал түзүүчү эле. Мамлекеттин башында отурганы жарашып калчу. Чынгыз хан, Тамерландар бүтүндөй шаарларды жер менен жексен кылып талкалап ташташкан.
Алар далай элдердин атын тарыхтан өчүргөн, кырып ташташкан. Гитлер да ошенткен. Ал эми Сталин улуу мамлекетти түзүп, куруп фашисттик Германиянын белин сындырганы үчүн тарыхтан аты өчпөй келатат. «Түзүүчү падышанын аты эч качан тарыхтан өчпөйт» деп М. Горький айткан. Т. Усубалиев андай түзүүчүлүк мектепти Сталинден аппаратта иштеп жүрүп үйрөнгөн жокпу? Деги эле кыргыз кыргыз болуп жаралганы Т.Усубалиевдин тушундагыдай өнүп-өспөгөн чыгар. Мен Сталин жөнүндөгү көптөгөн адабияттардын ичинен «Сталин» деген А. Барбюстун жана «Сталин» деген Л. Троцкийдин китептерин кайталап окуйм. Барбюс Сталиндин түзүүчүлүк кереметине суктанса, Л. Троцкий аны баштан-аяк көөлөй берет. Ал жамандоо аркылуу Сталиндин улуулугун далилдеп салганын өзү сезбегендей. Троцкий деген ким өзү, ким азыр? Өз учурунда ал «публицистиканын королу» – деп атанган улуу саясатчы. Баары бир ал түзүүчү Сталиндин жанында шоона эшпейт. Мен кутмандуу аксакалдын жанында жүргөнүмдө, улуу тоонун этегине барып, анын боорун тырмалап өйдө чыга албай жаткан бечарадай сезем өзүмдү. Тоо мага сырдаштай көрүнөт. Баары бир анын улуу табиятын али терең билбегендей көрөм өзүмдү. Дагы айтам: аксакал али улуу сыр. Канчалык аны жаманда, баары бир жукпайт. Ал эч качан бөксөрбөйт. Жылдызга карап түкүрсөң, баары бир какырыгың өзүңө тийет…
Дарыянын сырын билгиң келсе, «анын башына бар, башатын көр» дейт кыргыз. «Менин атам Усубалы 1988жылы 105 жашында дүйнөдөн кетти» деп жазат эмеспи аксакал. Мен Усубалы аксакалга барып топурак салдым. Андан мурда да далай жолу баарлашып, насиптеш болгом. Акылы тунук, тарых санжыраны жакшы билген адам эле. Өлөр-өлгөнчө эс-акылын жоготкон жок. Кайраты, салт-санаа билгени жанда жок эле маркумдун. Ал атайын эле Турдакун деген көк жалдын атасы болуш үчүн туулгандай көрүнчү мага. Эки бир тууг аны Бүбүкан менен Сайрадан бөлөк Турдакун аксакал эркектен жалгыз экен. Усубалы кутманды мен көп тыңшадым, ал тургай өзүмчө сынадым, кантсе да жазуучумун да… Кайсы бир жылы Нарындан келатып, кечкурун Кочкордогу К.Акназаровдун үйүндө конуп калдым. Тууганчылыгыбыз бар эле. Корчукем экөөбүз түн ортосу оогончо сүйлөшүп отурдук да, ал бир аз чырм эткени баратып: «Сен эртең менен эрте турбай уктай бер. Мен чарбаны кыдырып келе коёюн. Анан талаа кыдыртып, эс алдырам», – деп эшикти жаап кеткен. Кантс е да уяттуу үйдө кенен ук тай албайсың да. Мен деле эрте турдум. Анан Корчукем келгенче Усубалы аксакалга учурашып келе коёюн деп үйүнө жетип бардым. Эшикте атын өзү токуп, токсондогу карыя сыягы бир жакка аттанган жаткан экен. Мен саламдашкан соң үйүнө кирдик. Кымыз ичип, чай ичип болуп, кетейин деп Усубалы аксакалдан руксат сурасам, мени секиди. «Уулум, эшикте козу союлуп жатат кетип калсаң, мени Абыш кайнатаң баш болгон кудаларга уят кыласың», – дейт. Отуруп калдым да, экөөбүз санжыра, тарых боюнча узун сабак сөзгө кирдик. Оң менен солдун, адигине-тагайдын тарыхын сонун билет экен. Анан сөз ырбап отуруп, Усубалы карыя мага капилеттен суроо салды: «Бу Турдакун кандай иштеп жатат? Калк арасында кадыр баркы кандай?» Мен андан бу суроону угам деп ойлогон эмесмин. Ойлоно түштүм. Бирок, туура жооп бербесем, аксакалдан кутулбайм да. Анан туруп эле Турдакун Усубалиевичти жойпулана мактап кирген экенмин. Орто Азиядагы биринчи катчылардын эң алдыңкысы деп айттым. Айтор, жерге-сууга жаткырбай мактап жатсам, ал киши токтот дегендей сөзүмө аралжы болду. «Билип турам уулум, сен мындан бөлөк айта албайсың да. Анда өз уулум жөнүндө мен айтайын. Көкүрөгүңө туюп кой, – деп сөзүн андан ары улады. – Турдакундай кыргыздын жигиттери көп эле. Буйруп бийлик аларга тийсе, элди кебелбей эле башкарып кеткенге жарамак. Турдакундун бир өзгөчөлүгү аны Теңир, арбак колдоп жүрөт. Өзү атадан жалгыз эле. Москвада иштеп калды. Мен өзүм башынан оокаттуу жашадым. Мал жандык үзүлгөн жок. Анан такай кайыр берип, көтөрүп чаап эле, түлөө кыла берчүмүн. Жалгызды колдо деп Кудайга, атасы Калыгулга көп жолу куран окуттум. Мен бирөөдөн ушу кезге чейин сокур улак алган жан эмесмин. Кыргыздын катышы башка дечи. Түлөөнү ар дайым өзүмдүн адал малымдан арнап сойдум. Калыгул чоң атасы колдоп, элдин ага батасы тийди». Атасы ырымчыл, динчил экен деп айтат деп менден кенедей чочубастан ал ушул оюн бил дирген.
Атасы жөнүндөгү окуяны мен Турдакун аксакалдын өз оозунан уккам, келтире кетейин. «ЦКнын I секретары болгону чолоом тийбейт, атам канча келип-кетсе деле, ага бир жакшы кызмат өтөбөптүрмүн! – деп кыжаалат болуп жүргөндө, «үйгө атам келди» деп Күлжаке чалды. Мен бүгүн кечикпей эле барам, мончо жагып койгула, атамды өз колум менен киринтейин» – деп, айтор, үйгө эртерээк баргансыдым. Атам төрдө отуруптур. Чай ичип, амандык сурашкан соң: «Ата анда жүрү, мончого кирип чык. Өзүм жуунтам, аркаңды бир жакшылап жышып берейин» десем, атам мени жемелей, ормоё карап койду: «Бу сен, Турдакун, эч нерсе билбейт турбайсыңбы. Эгерде сен жылаңач аркамды жышсаң, башыңдан бактың таят. Сен деген элдин канысың» – деп койду дейт.
Мындан өткөн кыраакылык болобу? Дагы эле Турдакун аксакалдын атасы жөнүндө бир мисал. 1964-жылдын август айында Кыргызстанга Н.Хрущев келип, Ысык-Көлдө анча-мынча эс алып кеткени жөнүндө айың бар. Көрсө, ал чын экен. Хрущевду узаткандан кийин үйүнө атасы келиптир. Бет келип отурганда, ага берген биринчи суроосу: «Турдакун, айтчы чыныңды? Орустун падышасы, көпчүлүктүн көзүнчө сууга жылаңач кирдиби?» – дептир. Оюнда эч нерсе жок баласы: «Чечинип сууга түштү ата, анын эмнеси жаман?» – деген экен.
Атасы башын чайкап: «Атаңа наалат, падыша башы менен элге жылаңач этин көрсөтпөсө болмок. Башынан багы кеткен турбайбы», – дептир.
Усубалы аксакал Калыгул олуянын накта тукуму болуп жатпайбы. Кыраакылыгын, Теңирге ишенген ырымчылдыгын мен аябай жактырчумун.
Усубалы аксакалдын тун кызы Бүбүкан эжеден уккан дагы бир окуяны келтирейин. Аксакалды пенсияга жөнөткөндөн көп өтпөй, басма сөз беттери менен радио-телевидениеде аны аябай жамандашып, ал тургай партиянын катарынан чыгарып коюшканда үйүнө атасы Усубалы келип: «Кайра тыңдан жазба, Турдакун. Эгер күнөөсүз болсоң акыр түбү акталасың. Эгерде күнөөң анык болсо, колуң менен кылганды мойнуң менен тарт. Анан калса, падыша деген көзүнүн тирүүсүндө тактан кеткенде, качан эле жакшы аттуу болуптур». Усубалы кутмандын бул айтканын коментариялабай эле коёюн.
Аксакалда иш боюнча айрым чекилик кеткендир дечи, бирок ал Калыгул бабасындай каракылды как жарган калыс болууга аракеттенди. Эгерде бу улуу адамдын иш боюнча кетирген кемчилдиктери бар болсо, аны тарых аныктар.
* * *
Тарыхтан өткөн калыс ким бар? Калыгул олуянын сөөгү Чолпон-Атанын Кара-Оюнда жатат. Мен ал мазарга далай ирет барып сыйынгам. Эл-Журт такай каттаган ал ыйык мазарга Турдакун Усубалиевич өз каражаты менен, эң сонун күмбөз-мавзолей салдырды.
Ал эстеликтин ачылышында тунгуч президентибиз өзү барып сөз сүйлөп, элди ыраазы кылды. Олуянын мурасын жыйнап өзүнчө китеп кылып чыгаргандан башка Турдакун Усубалиевич, бабамдын ысмын баланча университетке койгула, мектептин атын бергиле деп ылайым маселе көтөрүп, док уруна элек. Ал тургай өзүнүн 80 жылдык юбилейин дагы күркүрөтүп өткөргөн жок. Жөн гана жакын санаалаштарына чай берип, бата алды. Карапайымдык, сыпаалык, тереңдик, баатырдык деп ушуну айт.
Очеркти Калыгул олуянын айтканы менен бүтүрөйүн:
Баатыр болсоң жердей бол! Баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол, Баарын жууп кетирген.
Асанбек СТАМОВ
СУЛТАН ИБРАИМОВ
Нечен кылымдарды карыткан карт тарыхтын барактарын ачсак, кыргыз эл болгону бирде уюткулуу журттун кадыр-баркы артып, төгөрөктүн төрт бурчуна дейре даңазаланып, бирде төгүлүп чачылып, кыйла азап-тозокту баштарынан өткөргөндүгү даана байкалат. Ошондо уюткулуу журттун маңызын, түпкү максатын каар заман учурунда сактап, аны дагы бекемдеп, элди ойдон тоого, тоодон ойго ала качып кармап калган, келечек үчүн бүт өмүрүн канжыгага байлап коюп иш кылган залкар инсандарыбыздын элесин кыргыз эл журту унутмак турсун, муундан муунга, укумдан тукумга узун кеп катары айтып келгендиги анык. Айтылуу бабабыз Манастан тарта, андан берки Адигине, Тагай, Орозбакты, кечээки эле Садыр аке, Кыдыр аке, Тилекмат аке, Курманжан датка, Шабдан, Байтик, Байзак сыяктуу эл башы, журт башы, иш билгилер кыргыз журтчулугунун уюткусун дагы бекемдеп, чыңдап, жасап-түзөп келишкендиги ырас. «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген макал бекеринен чыккан эместир. Кыйын кезеңдерде, элибиздин башына каран күн түшүп турган учурда тунгуюктан жол таап, катылгандын катыгын берип, үзүлгөндү улап, жыгылганды тургузуп, элдин элдүүлүгүн кармап келгендер дал ошолор. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» дегендей, кийинки тынчтык мезгилинде жогорку макалдын маанимазмуну өзгөрүп, тигил ата-бабабыздан бери келе жаткан көчмөндүүлүк көрүнүштөн отурукташып, биргелешип жер иштетип, өнөр жайын куруп, жапырт сабаттуулукка аттанган учурда да кыргыздын улуу инсандары: Жусуп Абдракманов, Баял ы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдор бүгүнкү күндүн пайдубалынын алгачкы таштарын коюшса, Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов, Турдакун Усубалиев, Акматбек Сүйүмбаев өңдүү ондогон инсандарыбыз ошол пайдубалды дагы бийиктетип, көркүнө чыгарып коюшкандыгы талашсыз. Алардын бири – өмүрүнүн гүлдөп турган учурунда шейит кеткен, мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, таланттуу жетекчи жана уюштуруучу, залкар инсан Султан Ибраимов.
* * *
С. Ибраимов 1927-жылдын 20-сентябрында Чүй областынын Алчалуу айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1943-жылы 8-классты бүтөрү менен Ленин атындагы колхоздо колхозчу, 1944–46-жылдары Дөңарык МТСинде тракторист болуп иштеген.
1946–49-жылдары Фрунзедеги гидромелиоративдик техникумда окуйт. Аны бүткөндөн кийин Чүй сугат тармагы башкармасында участкалык гидротехник болуп иштеген.
1952–55-жылдары Ташкенттеги ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтунда окуйт.
1955–57-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын суу чарбасы жана энергетика институтунун кенже илимий кызматкери. 1957–59-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин илим, жогорку окуу жайлар жана мектеп бөлүмүнүн инструктору. 1959–61-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Аламүдүн райкомунун экинчи секретары. 1961–66-жылдары Кыргыз ССР мелиорац ия жана суу чарба министри. 1966–68-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы. 1968–78-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы.
1978-жылдын август айынан ноябрь айына чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы. 1978-жылдын декабрь айынан 1980-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин Председатели.
1980-жылдын 4-декабрында каргашалуу оор окуядан соң каза болот.
Султан Ибраимов СССР Жогорку Советинин VIII–Х чакырылыштарынын, Кыр гыз ССР Жогорку Советинин IX чакырылышынын депутаты, КПССтин XXIV съездинин делегаты, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөсү болгон.
Эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана СССРдин медалдары менен сыйланган.
* * *
Улуу инсандын басып өткөн өмүр жолу, элге кылган кызматы күнү бүгүнкүгө дейре көз алдыбызда даана турса да аны тизмектештирип, дал ошол улуу инсандын деңгээлинде кеп кылуу алда канча оор да, нары жооптуу да иш окшобойбу. Жашырганда не, жакшы адам жөнүндө жакшы сөз айтуу башынан эле татаал нерсе. Эр ортону элүүгө келип, акылы да, билими да, күч-кубаты да толуп, элге керек не бир жакшы нерселерди биринен сала бирин жарата турган 53 жаш курагында кайдагы бир канкордун колунан каза таап, тигил дүйнөнү көздөй жөнөй берди. Андан бери туура 22 жыл өтүптүр. Мына ошол мезгилдин ичинде, айрыкча 1980-жылдан 1990-жылдардын аралыгында маркум Султан Ибраимов тууралуу өкмөттүк деңгээлде, жада калса басма сөз беттеринде да кеп кылынган жок. Кыргыз эли эгемендүүлүккө жетип, өз тагдырын өзү чече турган учурга келгенде гана бул маселеге кайрылып, улуу инсан Султан Ибраимовдун ысмы эл арасына кайрадан тарай баштады. Бул жакшы жышаан, жакшы белги деңизчи. Ийгиликтин эрте-кечи жок дегендей, улуу инсандарды эскерүү, анын өрнөгүндө кийинки муундарды тарбиялоо сыяктуу журт арасындагы кыймылдын учу үзүлбөсө экен, анын маани-мазмуну муундан муунга өтсө экен деген гана тилек. Ошондо гана биз Султан Ибраимовго окшогон залкар адамдарыбыздын басып өткөн жолун изилдеп, экономикалык, социалдык, агрардык, тарыхый багыттагы илимий да, көркөм да эмгектерди жаратарыбызда шек жок. Алар, анын ичинде Султан Ибраимов – мына ошондой баага, мамилеге татыктуу адам.
Султан Ибраимов ата-энесинин Кудайдан зарлап жүрүп, тилеп алган баласы. Анын балалыгы отузунчу жылдардагы колхоздоштуруу, элди сабаттуулукка үйрөтүү сыяктуу зор өзгөрүштөргө туура келди. Ким билет, табият тартуулаган сергектиги, баамчылдыгыбы, айтор жаңы замандын илебин туура түшүнүп, бала болсо да ошол жаңы замандын шарданына аралаша чоңойду, эс тартты.
Балалык мезгили тууралуу так маалыматтар кагаз жүзүндө калбаптыр. Кийин элге аралашып, өкмөт башчысы болгон мезгилдеринде да өзүнүн балалыгы жөн үндө эскербептир. Алп акын Аалы Токомбаев айткандай, «Эл эмгектен эскерсин» деген окшобойбу. Аны көрүп-билген, чогуу өскөн айрым жердештеринин айтуусуна караганда Султан Ибраимов бала кезинде эле тирикарак, зээндүү, сергек, боорукер болгон. Комуз да чертүүчү экен. Мектепте алдыңкы окуучу гана эмес, активист катары бир кыйла коомдук иштерди да уюштуруп, керек учурунда өздүк-көркөм чыгармачылык кружогуна да катышыптыр.
Аңгыча согуш башталат. Батыштан гитлердик баскынчылар тынч жаткан элге кол салып, жаш-кары дебей жоого аттанат. Айылда кары-картаң жана Султанга окшогон балдар гана калат. Ошондогу жалпы эле кыйынчылык, ачжылаңач болгон наристелердин ыйы, жетип-жетпеген көр оокат, бири-бирин бучкактаган бөбөктөр, алардын кара курсагын тойгуза албаган эненин абалы жаш Султандын көкүрөгүнө кыт куйгандай уюп, анын эрте жетилишине, эрте бой тартышына өбөлгө болгондугу шексиз. Ошондон улам болсо керек, 1943-жылы 8-классты бүтөөрү менен окууну таштап, жоо бетинде жүргөн ата-агаларынын ордуна талаага чыгып, эгин эгип, чөп чаап, элдин жеңилин жерден, оорун колдон алып, эл камын ойлой баштаганы чын. Бирде күндүзү суу сугарып же чөп жыйнаса, түнкүсүн эс алуунун ордуна кызыл кырманда болуп дегендей… Ал турмак каз таман тракторду да үйрөнүп, жазында жер айдап, жайкысын тоют топтоп, күзгүсүн комбайн сүйрөп, кышкысын ошол эле каз таман тулпары менен малчыларга чөп жеткирип жүргөндүгүн Дөңарык менен Алчалуу аймагында жашашкан кары-картаңдар күнү бүгүнкүгө дейре жомоктотуп айтышат. Кантсе да отузунчу жана кыркынчы жылдардагы кыйын кезең, элдин жашоосу, экономиканын абалы Султан Ибраимовдун жаш жүрөгүнө тынч тык бербей, андан чыгуунун, элдин турмушун жакшыртуунун жолун издөөгө түрткү болуп, ошол ой-кыял кийин анын эл жүгүн аркалаган залкар инсан болушуна бирден бир себеп болгондугу айдан ачык. Анын жөнөкөйлүгү, боорукерлиги, адамдарга мамиле жасоонун не бир татаал сырлары, баамчылдыгы, көрөгөчтүгү, кыраакылыгы мына ошол жылдарда калыптана баштагандыгы ырас.
Согуш аяктагандан кийин билимин андан нары улантат. Алгач борбор шаарыбыздагы гидромелиоративдик техникумда окуп, жогорку билимге Ташкент шаарындагы Ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтунан ээ болот.
Жогорку билимге ээ болгондон кийинки калыптануу мезгили Илимдер академиясында, кийин Борбордук Комитетинде, андан соң Аламүдүн районунда иштеген учурларына туш келет.
Алтымышынчы жылдар кыргыз жергесине эл чарбасын андан нары өркүндөтүүгө өбөлгө түзгөн жылдар болуп саналат. Анткени, экономиканы өркүндөтүү үчүн талаачылык менен мал чарбасынан алынган азык-түлүктү кайрадан иштетүүчү ишканаларды салуу, электр энергиясын камсыз кылуу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу зарыл эле. Бул үчүн сугат системасын жолго коюу, небактан бери келе жаткан дың жерлерди өздөштүрүү керек болуучу. Ал үчүн биринчи кезекте суу сактагычтарды куруу, магистралдык каналдарды калыбына келтирүү жана жаңысын куруу күн тартибиндеги биринчи маселе болгон. Мына ушундай жооптуу ишти жүзөгө ашыруу Султан Ибраимовдун бактысына туура келет. Ал 1961-жылы Суу чарба министри болуп дайындалат. Анын жана ал башкарган мекеменин алдында аткарыла турган зор иштер бар эле.
Биринчи кезекте элибиздин бүгүнкүсү гана эмес, эртеңкисине, түпкүлүгүнө пайда келтире турган келечектүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу максат болуучу. Алардын бири – жер шарты жана климаты жагынан катаал болгон Акталаа өрөөнүндөгү Алабука, Тяньшань районундагы
Куланак массивдерин өздөштүрүү, айдоо аянты беш жүз гектардан ашпаган Тогузторо районунун дың жерлерин өздөштүрүү, Жумгал, Кочкор, Тоң райондору жана Чүй өрөөнүндөгү бош жаткан жерлерди иштетүү кезек күтүп турган. Ырас, суткалык жана декадалык суу сактагычтарды куруу иштери ал мезгилдерге чейин эле бар болуучу. Алардын көбү күнү бүгүнкүгө дейре иштөөдө. Бирок, масштабы чоң маселелерди жүзөгө ашы рууда ал кубатсыз, нары жарамсыз. Ошондуктан кубаттуу, кучагына миллиондогон кубометр сууну камтыган суу сактагычтарды куруу маселеси келип чыккан. Бул адистерден терең билимди, кажыбаган кайратты, мыкты уюштуруучулукту талап кылган. Мына ушундай иштерди аткарууда Султан Ибраимов чыныгы ишмердүүлүктү, чыныгы уюштуруучулукту көрсөтө алган. Андан кала берсе жеке Ысык-Көл өрөөнү гана эмес, бүткүл кыргыз жергесине зыян келтире турган көрүнүш – көлдүн жылдан жылга соолуп бара жатышын токтотуу зарыл, кечиктирилгис маселе болуучу. Ал үчүн атайын Ысык-Көл-Чүй аймактык өндү рүштүк комплекс да иштелип чыккан. Анын баш ында да Султан Ибраимов турган. Жөндөмдүү министрдин жасап жаткан иш аракеттери эл тарабынан да, республиканын жетекчилери тарабынан да туура кабыл алынып, нары туура бааланып, аны 1966-жылы Борбордук Комитетке секретарь кылып шайлашат. Мурун бүткүл оймаксатын, жөндөмүн бир гана багытка – суу чарбасына буруп келсе, эми Борбордук Комитетке секретарь болуп келгенден кийин, эл чарбасынын ар кандай тармактарын элдин жашоо турмушун жакшыртууга буруш керектигин түшүндү. Пленумдарда, чоң-чоң чогулуштарда бул багытта кыйла маселелерди көтөрүп чыкты.
Адам өмүрүндөгү кырк жашты табына келип, сермегенин койбогон кыраан бүркүткө салыштырышат. Анын сыңарындай Султан Ибраимов акыл-эси толук жетилип, эл жерди башкаруунун не бир татаал сырларына толук каныгып калган кырк бир жашында Ош обкомуна биринчи секретарь болуп келет. Мурун деле ар бир иштеген жерлеринде чыныгы жетекчинин жүзүн көрсөтө алса, бул жерге келгени анын талантынын дагы ачыла элек жактары ачылып, мамлекеттик деңгээлдеги көрүнүктүү ишмердигин көрсөтө алды. Түмөндүү түштүккө ага чейин не деген инсандар жетекчи болуп барды. Алардын эмгегин жокко чыгарууга болбойт деңизчи. Ошентсе да Ош областы дал Султан Ибраи мов биринчи секретарь болуп баргандан кийин гана кыргыз жергеси эмес, бүтүндөй Совет өлкөсүнө дейре оозго алынгандыгы, Бүткүл союздук мелдештерде сегиз жолу жеңүүчү болуп чыгышы буга далил болмокчу.
Ош областына баргандан кийин Султан Ибраимовдун алдында кыйла милдеттер турган. Эң биринчиси – адамдар менен иштешүү. Табиятынан илбериңки, жупуну, жөнөкөй болуп өскөн Султан Ибраимов бул сапар да дал ошол калыбынан жазбай, областтын кызматкерлеринин ой-пикирин угуп, анын көз карашын, жөндөмүн толук түшүнгөндөн кийин гана тиешелүү кызматтарга дайындап жүрдү. Аны менен чогуу иштешкен адамдардын көпчүлүгү минтип айтышат: – «Султан Ибраимов адамдын көңүлүн калтырбаган, башка жетекчилердей болуп кагып-силкпеген адам эле. Ошондон улам аны менен сүйлөшүп жатк ан учурда кысынбай, тартынбай ар бирибиз өз оюбузду толук айтууга жетишер элек. Ал гана турсун ар кимибиздин үй-бүлөбүзгө дейре сурап жиберүүчү.
Ырасында эле ошондой. Султан Ибраимов өтө жөнөкөй адам болгон. Мейли бюро учурундабы же чогулуштабы, чарбаларды кыдырып жүргөнүндөбү же кабинетиндеби жогорку кызматтын сүрүнө сала адамдарды коркутуп-үркүтүп көргөн адам эмес. Айрым адамдар сүрдөп, сүйлөй албай турса, күлүп-жайнап, кээде тамаша кылып, айтор аны дароо эле өзүнө тартып, анын оюндагысын билип алаар эле. Жогорку жакта айтылгандардан «Демек Султан Ибраимов жумшак, ак көңүл адам болгон экен» деп бир жактуу жыйынтык чыгаруу туура эмес. Ал адамдарга жумшак мамиле кылуу менен бирге эле иштин шартына жараша талапты коё билген, берилген тапшырманын аткарылышын катуу контролдукка алган жетекчи болуптур. Кокус кимдир бирөө анын ишеничин аткара албай калса, кыйла убактарга чейин капаланып, анын себебин билмейинче жанын таштап койгон адам болучу. Ош областына келери менен жөндөмдүү жаштарды партиянын жогорку мектебине жиберип, билимин өркүндөтүп, аларды эң жооптуу кызматтарга көтөргөн. Жеке өнөр жайы, айыл чарбасы, суу тармагы гана эмес, социалдык маселелердин тереңине да сүңгүп кирип, аралашып, андагы айрым маселелерди оңдоого убакыт да, мүмкүнчүлүк да тапкан. Ошондон уламбы оштук туугандар: «Султан биздин бактыбызга бир жаралып калган адам эле. Ал баспаган кокту-колот, ал барбаган бир да айыл жок. Ошту Ош кылган Султан», – деп калышат. Ушунун өзү ага берилген чыныгы баага далил эмеспи.
Ал Ош областынын экономикасын жана маданиятын кыйла көтөрүүгө жетишти. Тогузунчу беш жылдыкта өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 1,2 эсе, айыл чарбасы 1,2 эсеге өстү. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана мал чарбасынын азык-түлүгү артты. Төл арбыды. Область мамлекетке эт, сүт, жүн, пахта, жашылча-жемиш, жүзүм сатуу боюнча эл чарба пландарын ийгиликтүү орундатты. Онунчу беш жылдыктын эки жылынын ичинде областтын селолук эмгекчилери мамлекетке айыл чарба продукциясынын бардык түрүн өндүрүү жана сатуу боюнча жакшы ийгиликтерди камсыз кылды… Тогузунчу беш жылдыктын жана онунчу беш жылдыктын өткөн жылдарынын аралыгында Ош областына он жылдын ичинде Союздун Туусуна сегиз жолу татыктуу болуунун өзү эле анын бараандуу эмгегин даңазалап тургансыйт. Андан кала берсе бүгүнкү күндө да дал ошол Султан Ибраимов жеткен чекке бардык маселе боюнча жете албай убара болуудабыз.
Областтын алдында турган зор милдеттердин бири – сугат суусу менен жерди камсыз кылуу эле. Бул багытта Папан, Төрткүл суу сактагычтары менен катар Лейлек районундагы Арка массивин, Баткендеги Кызылжол, Рауткаут, Актурпак өрөөнүн, Кадамжай районундагы Бүргөндүнү өздөштүрүү, Карадарыяны бойлой жаткан бош жерлерди айдоо, Чаткал, Алабуканын атам-замандан бери кол тийбей келе жаткан дың жерлерин колго алуу сыяктуу толгон-токой иштер турган. Андан кала берсе Токтогул суу сактагычын ишке киргизүү ошол учурдагы чоң милдеттердин бири эле. Буларды жүзөгө ашырууда биринчи кезекте Султан Ибраимовдон өтө токтоолукту, кыраак ылыкты, уюштуруучулукту талап кылган. Кантсе да дасыккан жетекчи бул маселелерди ырааты менен чечүүгө жетишти. Илгерки биздин ата-бабаларыбыз жомоктотуп айтышчу атан төө же нар көтөрө алгыс жүк Султан Ибраимов Ошто иштеген он жылдын ичинде толугу менен жүзөгө ашырылды. Башкача айтканда, алардын бардыгын тең өз көзү менен көрүп калды. Көзүнүн тирүүсүндө пландаштырып, бирок ага мүмкүнчүлүгү келбей калган Кемпирабат суу сактагычы, Нарын гидрокаскаддары азыркы күндө толугу менен жүзөгө ашырылып жатат.
Жалаң суу сактагычтар менен иш бүтпөйт экен го көрсө. Ал бизге сугат суусун, электр энергиясын бергени менен ондогон, жүздөгөн гектар айдоо аянтын, жайытты басып калып, ишке жарамдуу кыйла жерден кур калдык. Анын ордун толтуруу маселеси да келип чыкты. Ашыкча жер жок. Ошондо парт иянын областтык комитетинде пахта аянтын кыскартуу, түшүмдүүлүктү кескин түрдө жогорулатуу, беденин үрөнүн даярдоо жана аны сатууну уюштуруу, малдын башын кыскартуу менен андан алынуучу азык-түлүктүн көлөмүн төмөндөтпөө сыяктуу ишчараларды талкуулашты. Бул маселелер демейде айтыла жүргөн иш-чара катары эмес, токтоосуз жүзөгө ашырыла турган күн тартибиндеги орчундуу милдеттердин бири катары кабыл алынды. Ошондон улам анын жүзөгө ашырылышы тез да, сапаттуу да болду.
Областтын экономикасы артып, турмуш жакшырган сайын жол маселеси колго алынды. Ташты шагыл кылып майдалай турган жана гудрон, асфальт чыгаруучу завод, цехтер курула баштады. Тоолуу райондорго жол курулду. Жүздөгөн, миңдеген көпүрөлөр салынды. Автотранспорт маселеси да жолго коюлду. Бул иш-чаралардын натыйжасында ийгиликтердин болгондугу шексиз.
Ош областында иштеген он жылдын ичинде Султан Ибраимов тарых бетинде кала турган иштерди жасагандыгы талашсыз. Анын артыкчылыктарынын дагы бир жагы – ошол мезгилдеги СССРдин Госпланына да кайрылып, айрым маселелер боюнча толуктоо, өзгөртүү киргизгендиги. Айдоо аянтынын суу сактагычтардын алдында калып, жайыт кыскарып, анын үстүнө кыйла жылдардын ичинде калыбына келтирилбеген жер түшүмдүүлүгүн азайткандыгын СССР Госпланынын адистери эсепке албай план-тапшырманы жалпы жердин көлөмүнө жараша берип келгендиги маалым. Мына ушул маселени өз убагында СССР Министрлер Советине, Госпланга кат жүзүндө далилдүү келтирип, планды реалдуу коюу жагын бир нече жолу өтүнгөн.
1970-жылдар… айрыкча анын кийинки беш жылдыгы тигил жүрөккө так болуп калган 30-жылдардагы «культка» айланып, ой-пикири каршы адамдарды ошол замат «үчилтиктин» чечими менен жазага тартышпаса да бир кыйла зордук-зомбулук болгондугу тарыхта маалым. Мындай шартка чыныгы атуул дар көнө алышкан эмес. Алар коомдун өнүгүшүн толук өзгөртө алышпаса да ага каршы чыгышып, өзүлөрүнүн ой-пикирлерин толук айта алышкан. Дал ушундай сапатка ээ болгон Султан Ибраимов кыргыз жергеси гана эмес, бүткүл Совет өлкөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан саясий да, экономикалык да багыттын туура эмес экендигин дилинде туура баамдап, аны өзгөртүү үчүн керектүү жерде оозеки да, кагаз жүзүндө да далилдегендиги бар. Балким, эл үчүн, жер үчүн, алардын келечеги үчүн деп тыным албагандыгы айрым адамдарга жакпай калышы да мүмкүн. Ким билет, балким ошондойдур, бирок анын аныгына чыга турган колдо далил жок. Бүткүл Совет эли сыяктуу кыргыз жергесине да коррупция, мафия деген балекет тамырынын тымызын жайылтып келе жаткандыгын сезе да, көрө да билген Султан Ибраимов мындай көрүнүшкө чыдай албай айрым чоң-чоң чогулуштарда айтып жибергендиги ырас. Анын Министрлер Советине председатель болуп келиши бул ойду ого бетер күчөтүп да жибергенсиди. Эл чарбасынын бардык тармагына сүңгүп кирип кеткен кошуп жазуучулук, көз боёмоочулук, паракорлук, кала берсе элдин мүлкүн каалаганындай талап-тоноо көрүнүшү жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерди жасоого мажбурлаган окшобойбу. Ошондон улам «чу» дегенде эле Токмок менен Фрунзе шаарындагы эт комбинаттарын бир сыйра текшерүүдөн өткөрүүнү колго алыптыр. «Уурунун аягы кууш» деген кеп бар. Анын сыңарындай жеп-ичээрлер канчалык аракет кылып жашырышса да болгону онон беш күндүн ичинде ондогон аттуу-баштуу адамдардын ысымдары чыга келет. Бул уюмдашкан уурулуктун сырткы гана көрүнүшү экендигин баамдаган Султан Ибраимов аны дагы тереңирээк изилдеп, тактап туруп маселе коюуну көздөйт. Бирок, мафия дегениң тынч жатабы, алар да тымызын иш кылып, алгач председателдин үй-бүлөсүн коркутуп-үркүтүүгө өтөт.
Ошентип, бир кан ичкир кылмышкер 1980-жылдын 4-декабрь күнү түнкү саат экиден өткөндөн кийин, китеп окуп жатып уйкуга кеткен Султан Ибраимовду өлтүрөт.
Адамдын маңдайына жазып берген жазуу-буйругу, тагдыры ушул экен деп маркум Султан Ибраимовичти калайык калк, жумурай-журт өксүй-өксүй акыркы сапарга узатты. Конгон тууру бош калып, минген ак боз аты жайдакталды. Өлгөндүн орду толбойт деген чын белем, андан бери канча жыл, канча мезгил өтсө да бир жак капшытыбыз эңшерилгендей, ээн. Адамдын тула боюн титиреткен бул каргашалуу окуя жөнүндө алиге чейин ачык түрдө сөз болбоду. Тергөө да, сот да жабык жүргүзүлүп, басма сөз, радио, телевидение аркылуу берилбеди.
Карт тарых үчүн, кыргыз элинин кечээкиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси үчүн башын канжыгага байлап коюп иш кылган биздин чыгаан, улуу инсан адамдарыбыздын таржымалы үчүн күнү бүгүнкүгө дейре жети кабат темир капканын нары жагындагы сары майдай сакталган тийешелүү документтер ачылса, изилденсе жакшы болбойт беле.
Токторбай Урмамбетов.
ТОЛКУН ТУРДУ
ТАРЫХ МАМАНЫ АНВАР БАЙТУР ЖАНА АНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Анвар 1938-жылы 8-айда Шынжаңдын Аксуу аймагы Көнө шаар оданында бир малчы кыргыздын үй-бүлөсүндө төрөлүп эр жетти. 1953-жылы 7-айда Шынжаң университетинин тарых-география факультетине кабылданды. 1956-жылы окууну бүтүргөн соң Шынжаң коомдук тарых текшерүү группасына кызматка бөлүнүп, өзүнүн кесиптик жумушуна баш-оту менен түшүп, коомдогу алгачкы арышын таштай баштады. 1961-жылы 9-айда Борбордук улуттар институтунун кадрларды тарбыялоо курсуна кирди. Адегенде эле өзүнүн адистигин байката баштаган Анвар борбордогу кесип мамандардын назарын одарып 1962-жылы 7-айга келгенде Жуңго коомдук илимдер академияс ынын улуттарды изилдөө оордуна жотколду. Ошентип Шынжаңдагы ар улут тарыхын изилдөө жумушу менен алпуруша баштады. Анвар улуттарды изилдөөнү эч бир токтотпостон үздүксүз жалгаштырып, жүрөктүүлүк менен изилдей баштады. Шынжаңдагы улуттардын тарыхын, азыркы жагдайын терең жана теребелдүү изилдеп көрүнүктүү натыйжаларды жаратты. Ал алды-арты болуп өзү жана өз кесиптештери менен биригип «Кыргыздардын кыскача тарыхы», «Шынжаң району жана элибиздин ички өлкөлөрү», «Жуңгодогу кыргыз адабиятынын жалпы жагдайы», «Кыргыз улут тезгиреси» сыяктуу чыгарма ларды жараткандан башка жалгыз өзү «Кыргыз тарыхынан лекциялар», «Шынжаңдагы улуттар тарыхы» (уйгур тилинде) деген көлөмдүү эмгектерди журналдарга тартуулады. «Молдомуса Сайран жана анын атактуу чыгармасы – тарых илими», «Аппак кожо жөнүндө», «Чагатай жазуусу жана чагатай жазуус ундагы чыгармалар», «Кыргыздардын Мекенди бириктирүү дөгү салымы» дегендей илимий макалаларын жарыялады. Анвар көптөгөн тилдерди бышык билгендиги үчүн байыркы түрк жазуусу жана чагатай жазуулары үстүндө да көптөгөн изил дөөлөрдү жүргүзүп, чагатай жазымындагы «Тарых мускйун», «Кыргыз тарыхы», «Тарых эмидийе», «Сайрандын байыркы ырлар жыйнагы» сыяктууларды которду. Ал жана «Уйгурлардын кыскача тарыхына» түзөтүү кирги зүүгө катышты. Улуттар басмасынан чыккан «Уйгур классик ада бият тезистери», «Уйгурлар тарыхы» деген китептерди текшерип бекитүүгө катышты.
Анвар өзүнүн чыгармачылык иштерин жайылтуу менен бирге көптөгөн жогорку окуу жайларында, чет өлкөлөрдө, эл аралык илимий талкуу жыйындарда, мамлекеттик илимий талкуу жыйындарда сунуш боюнча сөзгө чыкты, макалалар окуду жана сабак берди. Мисалы: «Шынжаңдын тарыхына байланыштуу бир канча маселе», «Шынжаңдагы улуттар тарыхы», «Жакынкы доордогу улут жана улуттар тарыхы жөнүндөгү бир топ маселелер», «Улуттардын байыркы чыгармаларын жыйноо, басмадан чыгаруу жөнүндөгү маселелер», «Шынжаңдагы ислам дининин сыйынуу расмийеттериндеги эрекчеликтер», «Шынжаң ислам дининдеги ишан тобунун тарыхы жана азыркы жагдайы», «Кыргыз адабият тарыхы жөнүндө түшүнүк», «Кут даарытар илимдеги байыркы түркү тилдер тобунун астрономия календарына байланыштуу эстеликтери».
Анвар 1985-жылы Шынжаң кыргыз тил, адабият, тарых изилдөө коомунун орунбасар төрагалыгына шайланды. Кыргыз группасынын жооптуулугун өз үстүнө алды. Ал эки жолу кыргыз жазуусунун эмла эрежесин талкуу кылуу жыйынын, «Манас» редакция жыйынын, акындар айтышы сыяктуу чогулуштарды уюмдаштырды жана жетектеди.
Анвар соңку жылдары «Кыргыз адабият тарыхын» жазуу үчүн чыйыр салып, материал чогултуу үчүн Шынжаңдагы кыргыз райондорун бүт айланып чыкты. Алгачкы кадамда мате риал корун таап, жазуу иштерин жүргүзүү үчүн авторлорду уюмдаштырды. Ал ушул маңыздуу зор жумуш үчүн кайда жүрбөсүн күйүп-бышып жүрдү. Бирок бул «Адабият тарыхын» жазуу тилегине арандай оозун ачкан ажал жол бербеди, 1991-жылы 1-айдын 6-күнү Түркиянын Анкара шаарында 53 жашында мезгилсиз кайтыш болду. Бу кыргыз адабияты, маданияты үчүн гана орду толгус чоң жоготуу болуп эле калбай, элибиздеги ар улут эл үчүн дагы чоң жоготуу болду. Азыр Анвар армандап кеткен «Адабият тарыхын» жазуу башка жолдоштор, атап айтканда өзү жетилдирген шакирттери жагынан аткарылды жана аткарылып барат. Мен ушул оройдо Анвар Байтур уулунун «Адабият тарыхы» үчүн элибизде болсун же чет өлкөлөрдө командировкада жүргөн учурларында болсун бул ишке кандай маани бергенин окурмандарга кабарлап коюу максатында өз өмүрүнүн соңку учурларында «Шынжаң кыргыз тил, адабият, тарых коомунун» баш катчысы Макелек Өмүрбайга соңку учурларда жазган каттарын басмага даярдадым. Бул окурмандардын тарых, тил шунасы, кыргыз элинин коомдук кайраткер уланы Анвардын эң соңку кол жазмалары менен жолугушууңар болуп калмак. Анда каттарга көңүл бөлгүлө.
1-КАТ
Урматтуу Макелек!
Мен Үрүмчүдөн кайтарда сени менен көрүшө албай калдым. Акылдаша турган көп иштер бар эле. Кызылсуу жана башка жерлердеги кызматыбыз өтө ийгиликтүү болду.
Берилген пикирлер боюнча «тезисти» (адабият тарыхынан) өзгөртүп чыктым жана пикирлер дегеле болбойт. Кийин китепти жазуу барышында көрөрбүз. Азыр менин көп ойлогонум ушул кызматты кандай кылып тезирээк башташ маселеси. Кызмат баштаган соң, кем-кетигин түзөтүүгө болот. Ошондуктан «тезисти» жак шылап көрүп чыгып, тезирээк бастырып, тийиштүү орундарга тезирээк жиберсек. Корректорлугун өзүң жакшылап көрүп чык… Жакшыраак түптөлсүн, чачылып кетпей турган болсун, бул бир иш. Экинчи: Кызылсуу жана башка райондордон пикир алуу аркылуу авторлорду бекитип, алар менен токтом түзүү керек. Токтом кагазын кошуп жибердим.
Жетпесе коомдук илимдер академиясы улуттар адабиятын изилдөө институтунун орунбасар башчысы Бексултандан ал жана аны менен көбүрөөк акылдашсаң. Авторлор токтом кагазын жылдын аягына чейин толтуруп жибериши керек… Сенин жумушуңа оор жүк кошула турган болду. Сен көбүрөөк Бексултан жана Оркалча (ал кезде Кызылсуу областык маданият мекемесинин жооптуусу эле) менен акылдаш. Ар кимден акыл сурап жүрбө, өзүң билесиң.
Урмат менен
Анвар Байтур, 1987-жыл 4-айдын 8-күнү. Бейжин.
2-КАТ
Урматтуу Макелек!
…Жер-жерлердеги кат жана телефон келип, мени ашыктырып койду. Мен алардын баардыгына сенин адресиң жана телефонуңду бердим. Жыл аяктап калды. Тезис тезирээк таркатылганы жакшы. Жерлик орундарга, маданият мекемелери, айылдык өкүмөттөргө кат жаздыңбы? Учурун берип мага тезирек кат жаз…
Урмат менен Анвар. 1987-жыл 12-айдын 17-күнү. Бейжин.
3-КАТ
Урматтуу Макелек!
Жакшы турасыңбы? Тезис жана жазган катыңды алдым. Бүгүн Бексултандан да кат алдым. Бексултандын каты на караганда, адабият тарыхын жазуу кагаздакы кургак сөзгө айланат окшойт. Акча маселеси азырга чейин чечилбептир. Ошондуктан бул маселеси деп кең журт чулуктун оттой кызуулугуна суу сеппесек. Азырынча авторлор мурунку план боюнча өз орундарында туруп жазып турса. Материал канчалык болсо, ошончолук жазса. Эгер одандардын материалы жетип келген болсо тизимдеп алып, авторлорго таратып турсак да болот. Сен эң жакшы Кызылсууга барып ушул иштерди орундатып кел…
Колумдакы материалдарды тезден Бексултанга жиберемин. Сен Кызылсууга барып калсаң материалдарды мага жибербей академияга, же болбосо өзүңө жиберүүсүн тапшыр. Сенин кызматың оор, аны билип турам. Бирок «Адабият тарыхын» жазуунун көптөгөн иштери сенин желкеңе артылат. Анткени мен Бейжинде туруп кат менен эч кандай иштеп бере албаймын. Ошондуктан кызматка батыл болуп, иштерди өзүң орундаштыра бер. Жумуш болот экен, кеп да көп болот. Ар түрдүү кептердин артына кире бербе, өзүңчө иште. Толук ишенемин… Эгер чукул жумуш болсо тотолой телефон бер.
Урмат менен Анвар Байтур. 1988-жыл.
11-айдын 14-күнү. Бейжин.
4-КАТ
Урматтуу Макелек!
28-мартта жазган катыңды алдым. «Кыргыз адабиятынын» тезисин өзгөртүү пикириңе толук кошуламын. Силер ачкан жыйындын руху боюнча өзгөртө бергин. …Акчага көбүрөк жол жүр.
Мамбеттурду Мамбетакун деген баланы адабият изилдөө оордуна тааныштырганыңа кошуламын… Изилдөө орундарына «Кыргыз» аттуу адамды алып кала берсек болбойт. Биринчиден, азырынча ишке асыката турган, экинчиден, тарбиялоо шарты болгон балдар болсо боло берет. Изилдөө орундары акимчилик мекемелеринин көп баркы бар. Муну өзүң билесиң. Саны бар, сапаты жок кыргыздар жыйыла берсе кийинче өзүбүзгө зыян.
Ар бир оодан, айылдарга кат жибердиңби? Чийки материалдар кандай болуп жатат? Авторлордун кейпи кандай?
…Илимий коомдун шайлоо маселесинин тегерегиндеги жолдоштор менен жакшы акылдаш. Илимий коомду акимчилик мүнөзүнөн куткарбасак болбойт. Менин ойлогон ойлорум бар. Кийинче жазамын. Өз ойлоруңду мага жазып жибергин.
Урмат менен Анвар 1988-жыл 11-айдын 9-күнү. Бейжин.
5-КАТ
Урматтуу Макелек!
Аман-эсен турасыңарбы? Бала-чака жакшыбы? Шаршебек ага, Тайыр ага, Жусуп ага баштаган аксакалдар, жеңелер, Калеш жана башка теңтуштар, ини-карындаштар бардыгы жакшы турушабы? Мен 1-айдын 20-күнү Анкарада шо тил, тарых жана география факультетинин синология бөлүмүндө «Жуңго тарыхы», «Түндүк Азия улуттар тарыхы» сыяктуу сабактарды берип жатам. Абалым жакшы, кызматым ашыгыш. Жуңгодогу оюн-күлкү жок. Истамбул жана башка жерлердеги кыргыздардын барлыгы келип көрүшүп турат. Силердин саламыңарды жет кирдим.
Ванда туруштуу Рахманкул мага телефон берген экен. Көрүшсөк дейт. Жаздык каникулда элчикананын уруксаты боюнча барып, бир аралап келмекмин. Алар кыргызча мектеп ачмак экен. Жардам кылышымды сурайт. Бу жердеги кыргыздардын бардыгы эле (айрыкча жаштары) окушсуз калышыптыр. «Жуңгога барып бала окутсак, бала жиберсеңер» деп чоң сүйлөгөн менен өздөрүнүн балдарын да жакшы окутпайт экен. Мага го элпеңдешип эле турат. Кийинче бара көрөрбүз. Жакында Түркия заңтуңунун Ванга барып Рахманкул менен көрүшкөнү жана анын мектеп ачуу жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүн радио, гезит, телелерде көрдүк. Рахманкул бу кабарды телефондо мага айтты. Түркияда кыргыз тарыхы, адабияты, айрыкча «Манас» сыяктуу фольклордун изилдөөчүлөрү бир кыйла бар экен. Кээ бир материалдарын да беришти. Быйыл 11–15-майда эски Шеир деген жерде 4-кезектүү дүйнөлүк фольклор изилдөө жыйыны болмок. Кыргызстандан меймандар келет экен. Мен бу жыйында «Манас» эпосунун тарыхый маңызы менен тарыхый чындыгы» деген темада сөз сүйлөймүн. Жыйын кабарларын кезинде жазармын. Ал эми Маке «Кыргыз адабият тарыхынын» иштери кандай болуп жатат? Иш кайсы жерге жетти? Көңүлүм бүгүндөй ошол маселеде болуп турат. Эринбей ачыгыраак бир кат жаз. Кыргыз коомунун иштери кандай болуп кетти? Бул жерде Түркия мамлекеттик маданияттуризм министрлигине караштуу фольклор коому бар экен. Анын башчылары Камил Тайгар, Эффан Унвер, катчысы Хайредин Эфгин «Манас» изилдөөчүлөрү экен. Алардын Жусуп аксакалдын «Манасын» түркчө которуу долбоору бар экен. Бирок акчасы жок экен. Ошондой болсо да сен аксакалдар менен кеңешип, Кыргыз коому атынан Түркия маданият-туризм министрлиги фольклор коомуна «Манастын» басылган томдорун, аңгеме, жомок, ырлар жыйнагы, дастандардан белек кылсаңар. Ошондой эле кыргызча «Эне тил» (башталгыч мектептердин) окуулугун жиберсең (Вандагы кыргыздардын талабы). Тезирээк кат жазууңду күтөм.
Урмат менен Анвар 1989-жыл 3-айдын 30-күнү Анкара.
6-КАТ
Урматтуу Макелек!
Кандай турасыңар? Адабият тарыхы кандай болуп кетти?
…Өз абалым жаман эмес. Таш болсо да өз жериме, таш оор болсо да өз элиңе жетпейт экен. Менин бул жердеги турмушум элимдегиден алда канча жогору болсо да, жердин, элдин айрыкча ага-ини, теңтуштардын элестери эсиңен чыкпай жүрөгүңдү үлбүрөтөт экен. Мен 90-жылы 1-айда мамлекетке кайтмакчы элем. Бирок, Анкарадагы ажеттепе дашосу Жуңго элчилиги аркылуу мени бир жыл сабак берүүгө сунуш кылды. Амалымдын жогунан 90-жылы жылдын аягына чейин бу мектептин тарых бөлүмүнүн байыркы түрк тарыхынан сабак берүү зорунда калдым. Бир жекшембиде 6 саат сабагым бар. Бекер жатканча бекер иште деген кеп бар эмеспи. Ошондуктан баякы «кыргыз тарыхы лекциялары» деген жаман китепти түркчө одарып, бастырмакчы болуп жатамын. Негизинен которулуп болду.
Урмат менен Анвар Байтур. 1990-жыл 9-айдын 10-күнү. Анкара.
Окурмандар, маркум Анвардын ушул каттарынан ал кишинин «Адабият тарыхы» үчүн канчалык мейнет сиңиргенин, күйүп-бышып уюмдаштырганын көрүп эле калбай илимдик адискөйлүгүн, кыргыздардын адабияты, мадания ты, эмнелердин керек экени жөнүндөгү агадил ойлорун толук түшүнүүгө болот. Маркумдун өмүр жолун, чыгармачылык ишмердигин, дүйнө карашын, адамдык сапатын изилдөөдө бул каттардын маңыздуу роль аткарары дит койгон кишиге абдан анык. Ошого мен сиздерди тарых маманы Анвардын өмүрү жана чыгармачылыгын изилдөөдө анын каттары болсо да калпыс карабастыгыңарды суранам.
Басмага даярдаган Кубат ИБРАИМОВ.
М.КОЖОБЕКОВ
КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДАГЫ КООМДУК-САЯСИЙ МАМИЛЕЛЕР
Кыргыз каганатынын эрте орто кылымдар мезгилиндеги коомдук-саясий мамилелери жалпы жонунан байыркы түрк тилдүү мамлекеттерине мүнөздүү салттуу белгилерге негизделген. Ошол эле убакта кыргыз коомунун чарбалык бирдиги жана мамлекеттин саясий өнүгүү өңүтүнө жараша анын политогенездик, потестардык курулушунда айрым өзгөчөлүктөр да орун алганы байкалбай койбойт. Балким, ал кыргыз коомунун кылымдар бою өсүп-өнүгүүсүнөн улам эндогендик компоненттерди жаратып, ошол эле убакта ал экзогендик таасирлерди камтыган болсо керек.
Кыргыз жазууларында мамлекеттин эли – «бектер» жана «кара будун» болуп экиге бөлүнөт. Каганаттагы коомдун эки таптык ажырымдалыштан тураары, алардын кийген кийимдеринен дале байкалат. Коомдогу ак сөөктөр, ажонукундай тигилген ак калпак кийишкен. Алар кийим тигүү үчүн кездемелер катары кымкап, парча же жүндөн токулган кездемелерди колдонушуп, белиндеги куруна бычак менен мусатты илип алышчу. Ал эми карапайым элдер тери кийим кийишип жылаң баш жү рүшкөн1.
Кагандык бийликтин коомдук негизи катары бектер саналган. Бектер кыргыз коомчулугунда түпкү теги ак сөөктөр катмарынан чыгышып, алар үчүн уруунун жана мамлекеттин иштерин башкаруусу көнүмүш салтка айланган.
Кытай эстеликтеринде «Ажо» деген түшүнүккө башкарган уруу менен жогорку мансап бирдей кирээри кабарланат. Руникалык эстеликтердин маалымат өңүтүнө караганда, Кыргыз каганатында дагы бир элиталык башкаруу уруусу «барс» деп аталса керек. Мамлекеттик башкаруу салтынын уюшулуш деңгээли көрсөткөндөй, өлкөнүн сөөк уруулары өз уруу өкүлдөрүнүн камын көрүү аркылуу мамлекеттин чыңдалышы үчүн кызмат кылышкан. Кыргыздын Бойла Кутлуг–Ярган деген жогорку бийлик кызматынын өкүлү, өзүнүн он айылы болгонун жана насаатчысына жүз жылкы жана турак жер бергендигин жазат2. Эстеликтин маалыматы күбөлөндүргөндөй, жогорку даражадагы уруу адамдары өзүнө табышталган тармактагы аскерий-административдик милдетти ак ниеттик менен аткарып, уруулаштарынын жашоо турмушуна дагы кам көрүшү керек болгон.
Кыргыз эстеликтериндеги «ханга ак дилден кызмат кылгыла» деген чакырыктар жана «кара будундун мамлекеттин мыйзамдарын бузбагыла» аттуу үндөөлөр, каганаттагы ички таптык жана катмардык карама-каршылыктарды жокко чыгарган. Каганатта орун алган мындай саясий жана укуктук түзүлүштө, өз экономикасын баскынчылардан сактап калууга, байлыкты бөлүштүрүүдө жана согуштан тапкан олжону башкаруучу ак сөөктөргө ыйгарылышына жол ачкан. Калыптанган салтка жараша калган байлык ченемдүү өлчөмдө будунга бөлүнгөн. Ошондуктан каганаттагы коомдук жана укуктук биримдик, өлкөнүн татыктуу мүчөлөрүнө ыйгарылган – эр аталышынын берилиши аркылуу калыптанган. Мамлекеттеги мыйзамдын катаалдыгын кытай авторлору төмөнкүчө белгилешет: «согуш болоор астында курулай чуу чыгарган, элчилик милдетти аткарбаган, ханга начар кеңеш берген жана уурулук кылгандардын башы алынган3. «Жоого кол кураганда жана чапкынга аттанганда бардык эл түгөл жана баш ийген уруулар чогуу чыгышкан»4. Каганаттагы ар бир улан жашы жана күчү жеткен маалда «жоокер – эр» деп аталган. Экинчи Алтын-Көл эстелигинин каарманы – «энем он ай көтөрдү. Бала болуп төрөлгөм. Бара-бара мен жоокер-эр болдум»5 – деп баяндайт. Жашы жетип, өлкөсүн коргоого чыккан жигиттин мамлекетке кошкон салымы, анын эрдик көрсөткөнүнө жараша бааланып, ар бир атуул жана катардагы жоокер же тегин болобу ал «эр» аталышына жете алган. Кежилиг-Хобу эстелигинин каарманы: «Менин улан атым Шубуш, кийинки (балким эр аты – М.К.) атым Кумул уге» болгондугун кабарлайт. Ал беш жашында атасыз, он тогуз жашында энесиз жетим калган. Кийин эр жетип, отуз жашка чыкканда өге аталган мамлекеттик бийлик кызматына6, ал эми кырк жашка келгенде мамлекеттеги эң жогорку кызмат – тутуктукка көтөрүлүп, өз элин башкарган7.
Демек, «эр атына» ээ болгон жигит, Каганаттагы аскердик-административдик иштерге чегерилип, ал байлык жана коомдо ээлеген тек насилине жараша мансаптык кызмат аталышын өзүнүн жеке ысымына кошууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргыздар калтырган руникалык эстеликтердин маалыматтары кабарлагандай, өлкө атуулдары Мекенинин «эр жоокери» болушуп, кагандын биринчи чакырыгы боюнча шайма-шай аскердик милдетти өтөшүп, колдун катарына келип кошулушкан.
Эрдин коомдогу орду анын мансабы жана даражасы аркылуу аныкталып, эпитафиялык жазууларда титул эрдин ысымы менен чогуу жазылгандыктан, ал энчилүү аталыш катары каармандын аты менен кошо жазылган. Кыргыз эстеликтеринде адегенде, баатырдын өз ысмы, анын мансабы жана уруулук тамгасы чегерилип, кээде туугандык байланыш да кошо келтирилет. Кыргыздын Уюк-Тарлак эстелигинин каарманынын айтымында: «(1) Силер менен менин элим, менин аялдарым (кyнчуйyм), менин балдарым, менин будунум, менин алтымыш жашымда силерден айрылдым. (2) Менин атым Эль Тугантутук. Мен өзүмдүн Таңры алымка башкаруучу элем. Мен өзүмдүн алты бак, будунка бак артым»8.
Жогоруда айтылгандай, эрдин даңазасы артыш үчүн, анын байлыгы менен туугандарынын мамлекетте ээлеген орду жана байлыгы олуттуу роль ойногон. Чакулдагы бешинчи эстеликтин ээси Түз бай Күч Барс күлүг, өзүнүн «атактуу кайнатасынын жардамы менен байыгандыгын»9 жазган. Ал эми, Ачурдагы эстелик ээсинин «тамга басылган малы сансыз, акчасы сан жеткиз кара сачын таг болгондугу»10 баяндалат. Ошондон уламбы, айтор кыргыз коомчулугундагы туруктуу менчик – боз үй, турак-жай жана жүгүрмө менчиктин түрү эсептелген – мал жана акча айрыкча ажырымдала белгиленет. Кыргыздын Тэле эстеликтериндеги эр «табун жылкыларды, эр атагымды өз мамлекетимден таптым. Мамлекетимде менин акишим (шахталарым – М.К.), менин төрт миң жылкым калды»11 – деп өкүнөт.
Кыргыз коомчулугундагы ак сөөктөр өз тегиндегилерди «кадаш», «эш»12 деп аташып, эстелик орноткон эрлер алардан айрылганда аябагандай кейишкен.
Кыргыз эпитафияларынан ак сөөктөр колунда бар катмар катары белгиленип, аларга карама-каршы коомдук катмар «чыгайлар» деп аталган. Чыгайлар жалпысынан байлык топтоо мүмкүнчүлүгүнөн жана бийлик жүргүзүү кызматынан четте калган тап катары, алар кара будун деп аталган. Бектер ар дайым будунга насаат айтып, аларды оң жолго багыттап турган. Кыргыз эпитафияларында «кара будун бекем болгула, мамлекеттин мыйзамдарын бузбагыла»13 деген чакырыктар, кыргыз коомчулугундагы идеологиялык иш чаралардын бир үлгүсү катары кароого багыт берет. Эпитафиялык эстеликтер жоокердин эрдигин эле даңазалоодон турбастан, анын өмүр баяны жазылып, байлык жана мансапка өз элине адал кызмат өтөө аркылуу жетсе боло тургандыгы белгиленет. Ал үчүн мамлекеттин ички мыйзамдарын жана кылымдар бою калыптанган салт-санааны бузбай, жогоруда айтылган Кежилиг-Хобу эстелигинин баатыры Шубуш-Кумуль угедей атуулдук милдетин ак өтөп, Кыргыз каганатындагы эң жогорку бийлик кызматы эсептелген тутуктукка чейин көтөрүлсө боло тургандыгы насаат катары баяндалат. Ал эми, Бегре эстелигинин баатырынын мисалында «Өзүмдүн шыктуулугумдан кытай императоруна тарбияланууга (окууга – М.К.) алынып, алптык эрдигимден алтын, күмүш, кымбат кездемелерди, адамдарды (аялды?) таптым» деген Тер Апа ичрагинин айтуусунан14, Каганаттагы ар бир атуулдун келечектеги бакытынын ээси өзү гана саналгандыгы ырасталат.
Колунда жок эрлер бектерге баш ийишип, анын кол алдында кызмат өтөшкөн. Махмуд Кашгари айткандай, мындай «эрлер бектин алдында тизесин бүгүшкөн». Каганатта орун алган бейпил убакта эрлер атактуу бектердин малын багышып, балким жоокердик кызматы үчүн жайыт жана малга ээлик кылууга дагы акылуу болушкан. Мындай эрлерден жергиликтүү бектердин чоролору куралган. Аларды Махмуд Кашгари «кулсыг эр» деп атаган.
Кыргыз элиндеги дагы бир укуксуз катмар кул жана күңдөр болушкан. Каганаттагы кул-кутандардан турган коомдук катмар бөлөк этностор менен жүргөн согуш аракеттери аркылуу топтолгон. Жогорудагы Бегре эстелигинин баатыры жазгандай «адамдарды таптым» деген даректи, аларды өзүнө баш ийдирип, кул кылган деп да жоромолдосок болот. «Тан шу» баяндагандай «лыжачан туцуелер – дубо, милигэ, эчжилердин түн ичинде карактап, ууру кылган адамдарын кыргыздар кармап иштетишкен»15. Ал эми Уйбат эстелигинде болсо, эрдин кара ашында «кулдар ас (тамак – МК.) тартышты»16 деп баяндалат.
Енисей руникалык эстеликтеринин лапидарлык мазмунунан улам, андан кыргыз коомундагы кулдардын экономикага жана демографиялык кырдаалга кошкон салымын өлчөөгө мүмкүн эмес. Бирок кыргыз экономикасынын өзгөчөлүгүнө караганда кулдардын эмгеги чарба иштерине кеңири колдонулган. Жазма булак маалыматтары кабарлап, аны археологиялык эстеликтер тастыктагандай, кыргыз экономикасы комплекстүү өнүгүп, айрыкча ирригациялык ишке кулдардын эмгеги кеңири тартылган. Кыргыз чарбасынын өндүрүш өңүтүнө караганда, кийин «кыргыз арыктары» деп аталган татаал ирригациялык иштерди жана жазма эстеликтер эскерген чептерди, шаарчаларды куруш үчүн да кулдардын күчү керек болгон.
«Тан шу» жазма булагы баяндагандай, Кыргыз мамлекетинде «аялдарга караганда, эркектер аз» болушкан17. Мындай абал жоокерчилик мезгил үчүн мүнөздүү кө рүнүш. Андан да жазма булактар белгилегендей, кыргыз калкы өз эркиндиги жана мамлекетинин эгемендиги үчүн колуна курал кармап каармандык менен күрөшүп келген. Жогоруда айтылгандай эр аталган кыргыз жоокери мамлекеттин эгемендиги жана өлкөнү башкарган хан үчүн жанын аяган эмес. Ошондон улам, кыргыз коомунда аялдарга караганда эркектердин саны аз болгон. Албетте, эр адамдар жоокерчилик өнөр менен кесиптенгендиктен, кыргыздын комплекстүү чарбасына кулдардын эмгеги кеңири тартылышы объективдүү көрүнүш эмесби. Руникалык жазуу эстеликтери күбөлөндүргөндөй, үй-тиричилик ишине күңдөрдүн эмгеги кеңири колдонулган. Жоокер эрдин жеке жана согушка кийе турган коргоо кийимдерин жасаш үчүн да күңдүн күчү талап кылынган. Францискандык ордендин монахы Джованни Плано Карпини белгилегендей көчмөн калктын «эркектери эч нерсе кылышпайт. Алар аңчылык кылышып, атканга машыгышат. Аялдар бардыгын жасашат: тон, көйнөк, бут кийим, байпак бардыгы териден иштетилет»18. Күңдөрдүн эмгегин чарбада пайдалануу экономикалык жактан дагы ыңгайлуу экендиги талашсыз.
Енисей руникалык жазууларынын маалыматын талдоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, кыргыз коому алты уруу бирикмесинен турган. Руникалык эстеликтерде ал алты будун деп белгиленип, аларды бектик бийлик башкарган. Тан шу жазма булагына караганда, Кыргыз каганатынын мамлекеттик түзүлүшү Кытай империясынын Тан бийлигинин башкаруу аппаратындай уюшулган. Айрыкча көңүл бурчу жагдай, түрк тилдүү мамлекеттер эч биринде мындай башкаруу бийлик түзүлүшү болгон эмес. Кыргыз мамлекетинде байкалган өзгөчөлүктү айрым окумуштууларды да түйшөлткөнү байкалат. А. Н. Бернштам кытай жазма булагындагы «Ажонун турагы тегерете коргондолгон; үйү кийиз тартылган чатырлардан туруп, Мидичжи аталат. Майда төбөлдөр кичине чатырларга жашашат. Аскер баардык уруулардан куралат. Баш ийген элдер салыкты сүлөөсүн жана тыйын чычкан териси менен төлөшөт»,– деген маалыматты талдап19, кытайлыктар бөлөк элдердин коомдук түзүлүшүн түшүнүш үчүн, сөз жок өздөрүнүн өсүү деңгээлине карата жаза салышкан дейт20. Ошондой эле, А. Н. Бернштам жазма булактагы «төбөлдөр алты катмарга бөлүнүшөт, алар: министрлер, жогорку начальниктер, башкаруучулар, иш алып баруучулар, башчылар жана дагандар. Министрден жетөө, жогорку начальниктерден үчөө, башкаруучулар он. Алардын бардыгы аскерди башкарышат. Иш алып баруучулар он беш, башчылар жана дагандар мансапка ээ эмес»21 – деген маалыматка да шектенүү менен мамиле жасайт. Кыргыз руникалык тексттеринде ушундай мазмундагы маалымат келтирилбегендиктен, окумуштуу аларды убактылуу эле мүнөздөгү кабар катары карап, жалпысынан жазма булак дарегин төгүнгө чыгарат.22
Албетте, кайсыдыр бир маалыматты жетишсиз дарек темасына байланыштуу жокко чыгаруу жеңилге тураары шексиз. Анткен менен ар бир булактык билдирүүнүн маалыматтык жактан маанилүү экендигин эстен чыгарбаш зарыл. Ошондой эле, Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик түзүлүшүн баяндаган кытай автору да кабарлаган тарапка кандайдыр бир жоопкерчиликти алса керек?
Кыргыздардын коомдук бирикмеси «будун» саясий-аскердик мүнөздөгү граждандык администрация түзүлүшү менен биргеликте элди кураган. Мамлекеттеги коомдук байланыштар аркылуу алар бири-бирин толуктап турган, ошондуктан кыргыз руникалык эстеликтеринде хан «элди кармап, будунду башкарган» деп белгиленет. Ал мамлекеттин ички түзүлүшүндөгү граждандык милдет менен бирге, журт башчысы катары укуктук жактан жөнгө салуучу жогорку калыс жана сакралдык кызматты аткарган. Аны менен бирге, уруу бирикмесинин негизинде куралган саясий биримдикти жетектеп, аскер башчысы катары мекенин коргоо, башка элдерди басып алып, алардан салык алуу сыяктуу мамлекет башчысынын жетекчилик функциясын кошо алып жүргөн.
Кыргыз мамлекетинин саясий курамынын дагы бир айырмасы, ал мамлекет башчысынын ар кайсыл тилде, ар башкача аталышы. Кыргыз каганатынын башкаруучусун – орхон жазуулары «каган», енисейлик эстеликтер «хан», кытай жазма булактары башында «сылифа», «хан», «ажо», ал эми араб-перс авторлору «хакан», «хан» деп аташкан.
Кытайдын «Тан шу» жазма булагында кыргыз башкаруучусу «Ажо болгондуктан Ажо аталган» деп белгиленет23. Бирок «ажо» аталышы боюнча кыргызтаануу илиминде талаш токтой элек. С. Е. Яхонтов кытай тилинен транскрипциялоо аркылуу «ажо» термининен anar (anal) же байыркы түрк тилдүү калктардын башкаруу бийлик системасындагы Inal титулун реконструкциялайт24. Санктпетербургдук кытайтаануучу Е. И. Кычанов кытайлыктар «ажэ» деп башкаруучу бийлик тобун жана мансапты бирдей кабыл алышкан» – деген жыйынтык чыгарган25. Кытай булактарында Ажонун өз туусу бар, асты кызыл экендиги26, ал эми енисейлик руникалык жазууларында болсо, кыргыз туусу кызыл түстө экендиги белгиленет27. Ажо калтардын жана суусар терилеринен баш кийим кийген. Ал кышында суусар тебетей, жайында кайрыгы алтын менен кыргакталган төбөсү бийик калпак кийген.
Йакут ал-Хамавинин «Муджам ал-булдан» эмгегинде кыргыз ханына бардыгы баш ийишип, анын көзүнчө эч ким отура албайт. Жашы кырктан ашкандарга гана отурууга уруксат берилет28 – деп кабарланат.
Кыргыз жазууларынын эпитафиялык каармандары «ханымдан айрылдым», «ханга ак кызмат өтөдүм», «ханга кызмат кылгыла» деп, «теңир элин үндөп», «ыйык мамлекетинин» чыгаан уулдарын тарбиялоого багытталган үгүттүк идеологиясын айтышкан.
Кыргыз каганы өз кезегинде уруу ак сөөктөрүнө баш ийген. Бул катмардан мамлекетке кызмат кылган бийлик жана аскердик катмарды курган төбөлдөр чыккан.
Кыргыздардын руникалык жазма эстеликтеринде мамлекет башкаруучусу «кан» деп аталат. Кыязы, кыргыздардын саясий терминологиясында «кан» аталышы эң жогорку бийлик башкаруучусун атаган төл сөзү болсо керек. Алар «кан» деген термин менен мисалы, кытай императорун – Tabga? qan – табгач кан; тибет ценпосун – Tubet qan – түпүт кан – деп аташкан.
Ал эми, түрк башкаруучуларынын урматына орнотулган Орхон текстеринде болсо: Qyrqyz) k?? (lig) qa?an – кыргыздын күчтүү каганы деп белгиленет. Кытай даректеринде: «Мамлекет жетекчиси Ажо аталгандыктан, Ажо деп чакырылат» деп айтылат29. Айрым кытай булактарында кыргыз жетекчисин кээде – ван, кэхань – деп да жазылганы маалым. Араб-перс авторлорунун эмгектеринде кыргыз өкүмдары – хирхиз хаканы деп маалымдалат.
Азыркы илимий изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, түрк тилдүү этностордун мамлекет башкаруу системасында колдонулган «каган» аталышы жуань-жуандардын лексикасынан кирген. Кийин ал түрк жана монгол тилдүү калктардын жогорку мамлекеттик башкаруу титулуна айланган. Кыргыз мамлекетинин жогорку бийлик титулатурасы эсептелген каган титулу туурасында мусулман окумуштуулары кандайча ой жоорушканы илим үчүн айрыкча мааниси бар. Ал-Бирунинин айтымында түрк, хазар жана тогузгуздар колдонгон «хакан» титулу «малик» (хан) титулатурасы менен бирдей мааниге эгедер30. Аль Хорезми болсо «хан» титулу «ар – ра’ис», башкача айтканда «башчы, жетекчи» деген термин менен дал келээрин, ал эми «хакан» титулу болсо, «ра’ис ар руаса» тактап айтканда, «башчылардын башчысы, башкы жетекчи» дегенди билдирет деген. Мындан улам, мусулман дүйнөсүндө да жогорку бийлик титулу мезгил жана мейкиндик алкагында ар башкача кабыл алынгандыгы көңүл бургузбай койбойт.
Кантсе да ар бир элдин тилдик өзгөчөлүгүнө жараша Кыргыз каганатынын жогорку бийлик ээсинин титулу, ар кайсыл коомдо, ар башкача айтылгандыгын белгилей кетүү абзел. Ал эми кыргыздар болсо өздөрүнүн жогорку бийлик эгесин хан деп атоосу, түрк тилдүү коомдо колдонулган каган титулуна тете болгон.
Кыргыз каганатынын мамлекеттик башкаруу аппараты кытай административдик башкаруу түзүлүшүндөй уюшулган. Е. И. Кычановдун иликтөөсүнө караганда, каганаттагы төбөлдөрдүн «лю дэн» аталган «алты катмарга» бөлүнүшү, Тандык Кытайдын мамлекеттик башкаруу аппаратында колдонулган «лю бу» – «алты министрлик» системасына окшошот. Ал алты курам – башкаруу, церемониал, юстиция (жазалоо), финансы, кадрлар, аскерий жана коомдук иштер боюнча министрликтер болгон. Е.И.Кычановдун пикири боюнча башкаруу аппаратынын мындай уюшулушу «айрыкча ийкемдүү, жакшы сыналган система болгон жана ал кандай гана, анын ичинде азыркы мамлекеттин муктаждыгын да канааттандыра алмак»31.
Кыргыз өкмөтүн Тандык Кытайдагыдай цзайсян (канцлер, вазир, премьер – министр деп атаса болот) башкарган. Өлкөдөгү цзайсяндардын саны жети болуп, алардын ар бири мамлекеттеги жергиликтүү аймактарды тейлешкен. Жети цзайсяндардын бири жетекчи эсептелип, калган алтынын ар бири өзүнчө «дэндерд» тейлешкен.
Алты цзайсяндын, алты «дэнди» башкаруусу; кыргыз эстелигиндеги «алты бак будунка баг аптим» – «алты бектик будунга бек болчумун» деген саптарга айрыкча үндө шүп кетет. Уюк Тарлак эстелигиндеги эпитафия баатырынын ысмы Эл Туган, ал эми титулу болсо «тутук» болгон. Түрк тилдүү этностор өздөштүрүп алган «тутук» титулу байыркы кытайлыктардын ду–ду (tuotuok) термининен пайда болгон. Х. Эчединин пикири боюнча аталган кытай титулун түрктөр 558-жылга чейин өздөрүнүн башкаруу бийлик титулатурасына өздөштүрүп алышкан. Ал эми кыргыз жазуучуларында болсо, ал тутк жана толук түрүндө тутук деп жазылган. Кыргыздар аталган титулду Tuotuok түрүндө түрк тилдүү калктардан да кабыл алышы мүмкүн. Балким, ал титул көчмөн талаага кеңири жайылган термин болушу да толук ыктымал.
Кыргыз каганатынын өнүккөн мамлекеттик башкаруу системасы менен коомдук мамиленин келишкен формасы эндогендик факторлорго байланыштуу болгон. Жөндөмдүү кыргыз жаштары Кытай, Тибет, Кидань мамлекеттеринде окуп билим алышкан. Билимдүү катмар мамлекеттин коомдук жана саясий жактан өнүгүшүнө, мындан сырткары Борбордук Азия өлкөлөрү арасында татыктуу орун алышына өбөлгө болуп берген.
Аталган мезгилде кыргыздардын мамлекеттик башкаруу системасы өрчүп, Борбор Азиядагы этностордон айырмаланып Кытай административдик башкаруу түзүлү шүнө окшош бийлик аппаратын өздөштүрүшкөн.
Асыресе, Кыргыз каганатынын күч алып өнүгүшү мамлекеттин аймагынын кеңейишине жана демографиялык кырдаалга таасир тийгизип, экономиканын комплекстүү келишишине түрткү берген.
ШИЛТЕМЕЛЕР:
- Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. – М., 1961. – Б. 58.
- Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. – М.; Л., 1952. – Б. 84.
- Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1., 1950. – Б. 353.
- Кюнер Н. В. Ат. эмгек. – Б. 60.
- Малов С. Е. Енисейская. – Б. 57.
- Өг – ҮГь – акылман, башкаруучу, кызматкер.
- Малов С. Е. Енисейская. – Б. 81–82.
- Өзү эле. – Б. 11.
- Өзү эле. – Б. 39.
- Өзү эле. – Б. 49.11 Өзү эле. – Б. 83.
- Айрым илимпоздор «кадаш» сөзүн «кады эш» же кады-бирге, чогуу; эш – жолдош аталыштарынан пайда болгон деп эсептешет. Мында кыргыз элинде колдонулган «эш тутуп» деген сөздүн маанисине дагы көңүл бурсак болот.
- Малов С. Е. Енисейская. – Б. 26.
- Өзү эле. – Б. 29–33.
- Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 354.
- Малов С. Е. Енисейская. – Б. 61.
- Бичурин Н.Я. Ат. эмгек. – Б. 351.
- Плано Карпини. Путешествия в восточные страны Плано Карпини и Рубрука. – М., 1957. – Б. 36–37.
- Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 352.
- Бернштам А. Н. История кыргыз и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания. //Кыргыз Респ. УИА, Кол жазмалар бөлүмүнүн фондусу. – Инв. №128. – Б. 75; Ушул эмгектин биз тарабынан котормосу Китепте: Кыргыздар. – Бишкек, 1991. – Б. 290–291.
- Бичурин Н. Я. Ат. эмгек. – Б. 352.
- Бернштам А. Н. История кыргызов. – Б. 75–76.
- Бичурин Н.Я. Ат. эмгек. – Б. 352.
- Яхонтов С.Е. Этнонимы «кыргыз», «хакас», «чик» в китайских исторических сочинениях. //Источники по средневековой истории Кыргызстана. – Б. 125; Супруненко Г.П. Из древнекыргызской. Б. 79; «Кыргыздар» өз башкаруучусун Инал деп аташат; бул сөз аларда, монголдор (каан) жана тажиктер падишах дегендей». Кар.: Родословное древо тюрков. Сочинение Абуль-Гази, Хивинского хана.
Пер. и пред. Г.С.Саблукова. – Казань, 1906. – Б. 39.
- Кычанов Е.И. Аппарат управления. – Б. 64.
- Бичурин Н.Я. Ат. эмгек. – Б. 352.
- Малов С.Е. Енисейская. – Б. 26.
- Материалы по истории Средней и Центральной Азии X–XIX вв. – Ташкент, 1988. – Б. 82.
- Кюнер Н.В. Ат. эмгек. – Б. 58.
- Аль Беруни. Избр. произведения. – Ташкент, 1957. – Т.I. – Б. 183.
- Кычанов Е.И. Аппарат управления. – Б. 55.
Т.АСАНОВ
ЭТНОСОЦИАЛЬНАЯ СТРУКТУРА И ТЕРРИТОРИЯ
КОЧЕВОГО КЫРГЫЗСКОГО ОБЩЕСТВА (ИСТОРИКО-ЭТНОЛОГИЧЕСКИЙ АНАЛИЗ ПРОБЛЕМЫ)
Источники. Вплоть до XVIII века в источниках мало встречается каких-либо данных о политической структуре или социальной организации тяньшаньских кыргызов. Правда, в некоторых персо-таджикоязычных сочинениях XV–XVI вв. мельком упоминается легендарные объединения кыргызских племен – Отуз-уул и Кыргыз, Ак-уул (оң канат) и Куу-уул (сол канат)1, и эти сведения, должным образом, согласуются с генеалогическими данными кыргызского народа. Сведения аналогичного характера встречаются и в китайских источниках XVIII века2.
В изучении этнополитической и социальной структуры кочевых племен немаловажным является и источниковедческая база генеалогических преданий. Советские этнографы С.М. Абрамзон и Л.П. Потапов, в свое время, методологически обоснавали источниковедческое значение устных генеалогических преданий в изучении социальной организации кочевых тюркских народов3. При правильном подходе и критическом анализе генеалогических материалов, несомненно, получим объективные результаты. Мы обращаем ваше внимание на некоторые рукописные материалы кыргызской санжыры, хранящиеся в рукописном фонде Национальной академии наук и изученных нами. Данные о них приводятся ниже.
Это рукописи конца XIX – начала XX вв., в основном материалы 20–30-х годов; авторы, получившие религиозное или светское образование, пытались самостоятельно изучать историю своего народа. Среди них следует отметить Осмоналы-молдо Сыдыкова, издавшего свой труд на основе санжыры в 1913–1914 гг. в г. Уфе. Историографическая позиция Осмоналы-молдо Сыдыкова не была предметом специального изучения историков, хотя имеются некоторые статьи, посвященные его биографии и изданным им книгам. В его работе есть интересные сведения о родоплеменной структуре правого крыла (оң канат) и роли манапов в начале XX века4.
Большое значение имеет и работа безвинно репрессированного историка Белека Солтоноева «Кызыл кыргыз тарыхы», изданная только после обретения суверенитета Кыргызстаном. Машинописная копия работы Белека Солтоноева хранится в двух экземплярах в рукописном фонде Академии наук. В начале своего труда историк отмечает, что сбор материалов и написание данной работы началось ещё в 90-е годы XIX века. Несмотря на увлеченность автора трудами В.В. Бартольда и Н.А. Аристова, он смог выявить новые оригинальные историко-этнографические сведения. Знание русского языка и знакомство с исторической литературой позволили ему сделать самостоятельные заключения по некоторым вопросам истории кыргызов5. Наряду с Белеком Солтоноевым, изучением истории кыргызов на основе санжыры занимались Бала Айылчы6, Насирдин Боомбаев7, Умет Молдо8, Мухаммед Али Кыпчаки9 и др. Исследования этих авторов, основанные на генеалогических сведениях, дают возможность для сравнительного изучения этносоциальных и культурных особенностей, а также взаимоотношений в кыргызской кочевой общине.
Большое источниковедческое значение имеют труды русских путешественников и первопроходцов. Толмач И.А. Бардашев, работавший коллежским регистратором и переводчиком в Алатавском округе, в 1856 г. посетил Киргизию в составе первой русской военно-научной Иссык-Кульской экспедиции вместе с Ч. Валихановым. Небольшая статья И.А. Бардашева опубликована в Туркестанских ведомостях10. Личный рукописный материал под названием «Сведения о дикокаменных киргизах, собранные Толмачом Бардашевым» хранятся в архиве11. В этом материале есть ценные сведения о географическом расположении и границах проживания родов и племен кыргызов, их родо-племенной структуре и численности, а также о правителях – биях и манапах12. Такие же данные, в более подробном изложении, встречаются и в трудах знаменитого исследователя-путешественника Ч.Валиханова, являющихся ценным источником по изучению родоплеменной (этнополитической) и социальной структуры кыргызов13.
Н. Ситняковский составил родо-племенную таблицу южных кыргызов на основе их деления на уезды и волости, а также мест кочевания отдельных родов и племен14. За исключением сведений этого автора у нас отсутствуют какие-либо другие материалы по группе ичкилик, не считая разработок. Я.Р. Винникова15, возглавлявшего Южнокиргизскую этнографическую экспедицию в 1953–1955 гг. С этого времени этнографические исследования в южном регионе страны по этой тематике больше не проводились.
Известный исследователь С.П. Толстов, Т.А. Жданко, Г.И. Карпов и др. пришли к единому мнению о существовании у тюркоязычных кочевников дуальной организации, в основе которой лежала двухфратриальная структура племени16. Данный вопрос первоначально был исследован С.М. Абрамзоном17, выявившим факт существования у кыргызов дуальной организации, основанной на оң канат (правое крыло) и сол канат (левое крыло). Впоследствии эта тема детально проанализирована А. Мокеевым18. Как правильно отмечал А. Сыдыков, «расщепление кыргызов на два крыла произошло действительно в отдаленные времена и имело значение лишь для той эпохи»19. Далее он отмечает, что легенда об «отуз уул» и «он уул», наиболее распространенная среди кыргызов Ошского округа, указывает, что эти названия произошли не от собственных имен, а от общих названий, приобретенных двумя основными кыргызскими ветвями, и связаны они с происхождением всего кыргызского народа20.
Рассмотрим принципы формирования кыргызского кочевого общества в территориальном отношении, его иерархическую градацию, роль и место социальных слоев, а также их взаимоотношения в этнокультурной среде.
С.М. Абрамзон, раскрывая одним из первых черты родоплеменной организации кочевников Средней Азии, обратил внимание на вопросы социальной структуры кыргызов и казахов. По его мнению, семейно-родственная группа является «живой» формой родоплеменной организации кочевников, в основе которой лежали принципы известной общности экономической жизни, тесно переплетавшейся с разными степенями родственных отношений21. Наряду с малой патриархальной семьей, данная группа сыграла определенную роль в структуре кыргызского кочевого общества. Малая семья, как известно, была первоначальным ядром кочевого общества, объединяющей несколько патриархальных семейных пар, находившихся во все времена в ведении отца – главы семьи и подчинявшихся ему во всех вопросах. Отец, как правило, не отделял своих сыновей после их женитьбы, и они продолжали жить совместно в одном семейном кругу, но на определенной территории.
Понятие «журт» – стойбище или «пепелище аила» имело большое значение для кочевника. Оно ассоциировалось не только с территорией, где они жили и вели хозяйство, но и с тем коллективом или социумом, который образовывался в результате близкородственных взаимоотношений. Могилы предков являлись неотъемлемым признаком журта. И с этим связано более широкое понятие как «ата журт», т.е. земля предков. Кочевники свято почитали журт. Культурный ареал журта, как мы выше отметили, связан с определенной территорией с хозяйственными признаками в условиях вертикального способа кочевания. Именно определенная территория соответствовала понятию «журт», а не вся географическая среда обитания кочевника. Журт временами перемещался в зависимости от вертикального кочевания того или иного рода по горам и под этим понятием больше подразумевалась территория, соответствующая ведению хозяйственнокультурной жизни.
При вертикальном кочевании кыргызов было характерно в основном ведение полукочевого образа жизни, способствовавшего организации хозяйственной деятельности на не очень далеких расстояниях. Сама природно-климатическая среда способствовала ведению такого хозяйства. Поэтому перемещение журта было редким случаем; как правило, он оставался основным и постоянным пунктом, местом назначения и остановки кочевника, где циклично велась хозяйственная деятельность. Хозяйственно-культурное и территориальное сообщество кочевого социума складывалось первоначально из родственных интересов. Родственная близость, прежде всего, определялась по генеалогическим меркам. В суровых климатических условиях родственные связи являлись определяющим фактором при решении хозяйственно-экономических отношений. Большие патриархальные семьи объединялись по кровнородственному признаку, который назывался «бир атанын балдары», т.е. дети одного отца. Как правило, члены названного социума сообща вели культурнохозяйственную деятельность. Внутри этого сообщества строго придерживались патриархально-родовых норм при решении разных культурно-хозяйственных вопросов. По возрастному принципу и согласно адату, самый старший аксакал мог возглавлять данный социум. В случае естественной смены место аксакала занимал человек, старший по возрасту. На аксакала возлагались определенные полномочия при решении разных вопросов культурной и хозяйственной жизни. Это могли быть вопросы определения пастбищ и выпаса скота, занятие территории и журта, а также другие хозяйственные вопросы. Проведение разных праздников и мероприятий – женитьба, выдача замуж, похороны и ритуальные действия – также согласовалось с аксакалом.
Дети одного отца вели хозяйственную деятельность в соответствии с устоявшимися традициями ведения кочевого хозяйства. Они, наряду с сородичами, занимали определенную территорию, где поблизости протекали горные ручьи, обеспечивающие водой, а также удобные горные лощины, где можно было удобно обустроиться. Практически хозяйственно-культурная территория кочевых групп располагалась последовательно, начиная с зимовки, далее в глубь по горным ущельям, достигала верхней вертикальной точки «төр». Расположение семейных групп в горных ущельях связывалось с использованием пастбищных угодий таким образом, что кормом было бы обеспечено определенное количество скота; учитывалось и то, чтобы они не стесняли друг друга. Таким образом, в культурно-хозяйственном отношении территория и ландшафт играли немаловажную роль в жизни кочевника, где он рождался и вырастал, создавал семью, приобщался к обществу и окружающей среде, занимался хозяйством.
В условиях патриархального развития веками вырабатывались определенные правила общественных взаимоотношений, которых необходимо было придерживаться всем его членам. Генеалогические мерки были первым шагом взаимоотношения любого члена кочевого общества с окружащей средой. Оно выражалось в знании своих предков. Особо почиталось среди кочевников знание семи предков, юридически определявших принадлежность человека к какому-либо клану или роду. «Тот, кто не знает своих семь предков, считается отступником»,– гласит нравственный кодекс кыргызов. Именно этот кодекс был основным кодом индивида в кочевой среде. Так что, трудно было найти человека, не знавшего своих предков. Но другой случай, когда целая группа по различным причинам попадала в другую среду, тогда на самом деле создавались определенные трудности. Кочевая среда всегда принимала других со стороны, но это осуществлялась не просто, т.е. их воспринимали в качестве чужаков или рабов, и они находились на низших ступенях общества, пока не проходило достаточное время. Можно сказать, что генеалогическая линия таких групп обрывалась от изначальной ветви и они постепенно сливались с той группой, в которой находились. Как свидетельствуют генеалогические данные, их снова нарекали новыми именами, которые закреплялись за ними навсегда, напоминая об их чужеродном происхождении. Несмотря на это, вся группа вне зависимости от кровнородственных отношений, составляла иерархическую структуру кыргызского кочевого общества.
Следующую ступень кочевой вертикальной структуры занимал «урук». В генеалогическом отношении урук или род является своеобразной культурной ячейкой и туда входили в основном близкородственные группы. Их общность закреплялась на основе генеалогических данных и четко прослеживалась по когда-то жившим предкам. Сама генеалогия у кочевников имела идеологическое значение. По содержанию она делилась на взаимосвязанные друг с другом три ступени. Это «берки ата» – близкий предок, «аркы ата» – дальний предок, «түп ата» – самый дальний предок, или родоначальник. На основе этих данных можно было четко проследить генеалогическую цепочку предков, сохранившихся в народной памяти на всем протяжении истории. Она закреплялась в народной памяти как духовно-идеологическая основа общины, объединяя вокруг себя группы и всех членов рода.
Культурно-хозяйственная деятельность рода происходила на определенной территории, занятой уже несколькими поколениями. В отличие от низших ступеней патриархально-кочевого общества, именно в родовой среде формировалась власть и его атрибуты. Во главе рода стоял бий, избранный согласно адату и по принципу наследственности. Одновременно бий имел полномочия решать хозяйственные, юридические и политические вопросы рода и ему подчинялись несколько аилов, связанных родственно-генеалогической линией. Род имел свою «эн» для метки скота, чтобы различать его от стад других родов и в случае потери отдельных животных. Эн-метка, как атрибут рода, обозначал коллективную собственность на скот – экономическую основу кочевого общества. Культуры родственных связей и генеалогических норм придерживались именно в родовом кругу. Этому способствовали, выработанные веками, своеобразные правила кочевников, которые неукоснительно соблюдали члены общины. «Ал кезде, жети атасын сурап, кыз бермек расим болгон»
(«Раньше было принято выдавать замуж, спрашивая о семи предках»), – говорится в народе. Это означало, что вступление в брак внутри рода было запрещено, пока не пройдет семь поколений; взаимные браки разрешались только за рамками такого родства. В условиях внутриродовой изолированности, это было единственной возможностью сохранить генетическую чистоту потомков и создать условия для дальнейшего роста популяции. Без этого запрета были бы непредсказуемыми последствия близкородственных брачных отношений. Именно с этой точки зрения народной генетики, кочевники запрещали брак внутри рода, а знание же семи предков оставалось своеобразным кодом человека в общественной среде.
Культурно-географическая среда обитания рода, как мы уже говорили, была связана с его хозяйственной деятельностью. На определенной территории род жил, как правило, в течение нескольких поколений. Доказательством тому являются названия урочищ, зимовок или летовок, связанных с именами каких-нибудь предков. Большие патриархальные семьи держались на близких расстояниях, особенно в зимне-осенний период, когда стоянка кочевника приобретала стационарный характер с необходимым для этого обустройством. Кочевник строил маленький домик из глины «там үй» в удобном местечке, непродуваемом ветром, рядом сооружал овечий загон из камня «таш короо» и планировал недалеко небольшую пашню. Такой тип хозяйственной деятельности был характерен для кочевника, ведущего полукочевой образ жизни, и присущ для кыргызов Тянь-Шаня. Это было удобно для территориально-родового ведения хозяйства.
Таким образом, в кочевом обществе кыргызов, род был устойчивым формированием, в котором, на принципах иерархических отношений, складывались общественные взаимоотношения.
По сравнению с низшими ступенями патриархальной структуры, «уруу» – племя имело универсальный характер. В его пределах общество формировалось вне зависимости от кровнородственных взаимоотношений. В состав уруу входили разные группы по происхождению и объединялись они по генеалогическо-территориальному принципу. Надо иметь ввиду, что генеалогический принцип был достаточно условным, т.е. не все группы, входившие в состав племени, на самом деле были одного происхождения. Но все группы племени объединялись единой идеологией, так как без этого не было бы социально-экономического, территориально-демографического расширения и политического подъема данного объединения. Вошедшие в состав племени, инородные группы или этнические компоненты, определенным образом были интегрированы в его генеалогию; их обычно называли «тондуу уул», т.е. сыновья в тулупе, что подчеркивало их приход в семью уже подростками или парнями. Образно называя такие группы «тондуу уулом», общество кочевников, тем самым, санкционировало их принятие в племя, объединив всех единой идеологией. В генеалогии кыргызов есть немало примеров, когда из потомков приёмных детей, т.е. тондуу уулов, образовывалось целое племя. Такие группы по родовым законам считались полноправными членами данного общества, причем уже по рождению. Именно такая характерная черта племени давала ему возможность собирать разнородные группы вокруг себя и занимать обширные територии. Условные границы племенных территорий обозначались природными объектами – горами и горными склонами, реками и речушками, урочищами и т.д., но при этом, довольно четко они маркировали принадлежность данного пространства конкретному племени.
Территориальный принцип требовал от кочевников уважительного отношения к земле, строго запрещал кочевать по чужой, а тем более, занимать другую территорию. К примеру, ещё в XIX в., северо-кыргызкие племена занимали определенные территории. По свидетельству толмача Бардашева, род Исенгул в составе сарыбагышей, занимал «…зимними кочевьями места по Кунгею (т.е. северная сторона Иссык-Куля) от мыса р.Кудургы на запад, по окружности озера до р.Конур-Улен, так как род этот (далее автор имеет в виду племена сарыбагыш) многочислен, то половина его зимует по вершинам р. Чу, на урочищах и речках: Кочкор, Чон-Кемин, Кичик-Кемин, Кир-Тобулгы, Бийчеке, Ики-Карабулак, далее по р.Каштек, вокруг укрепления Токмака по речкам Уч-Кутур, Кара-Кунуз и за р.Чу, по речкам Джиль-Арык, Уч-Талды-Булак, КызылСу, Шамсы, Бурана, Кегеты, Сыгата»22. Описания толмача Бардашева наглядно свидетельствуют о существовании у кыргызов четкого территориально-племенного расселения.
Занятие определенной территории решалось согласно родово-иеархическим принципам и регулировалось по адату. Во всяком случае, как правило, по адату, эти вопросы решались правящим кланом – сходом биев («бийлердин тобу»). Кроме того, внутри племени выдвигались отдельные доминирующие роды, которые, по генеалогическим канонам, занимали привелегированное положение и в их руках сосредотачивалась власть. Они решали вопросы перекочевок, занятия земель и пастбищ.
Как свидетельствует источник, во второй половине XVIII в., в приграничных районах, в бассейнах рек Чуй, Или и Талас, произошли междуусобные столкновения между кыргызскими и казахскими племенами из-за разногласий по использованию и занятию земель и пастбищ. В такой ситуации, совет биев во главе с Эсенгул-баатыром, принял решение о переселении племени саяк из КетменьТюбинской долины в Талас, а чекир саяков из Кочкорской – в Чуй, чтобы охранять и защищать земли, ранее занимаемые предками . Из этого можно заключить, что при географическо-пространственном расселении территория (на которой происходил жизненный цикл этой общности людей) была и оставалась одним из признаков и атрибутов данного племени. Иначе говоря, каждое племя занимало свою территорию и вело самостоятельный кочевой образ жизни.
Существенными атрибутами племени являлись эн-тамга (метка, клеймо, тавро), флаг и боевой клич (ураан). По сравнению с другими атрибутами, наиболее важное значение для племени имела тамга. Она являлась, как бы основным отличительным признаком племени, не только в хозяйственном, но и политическом отношении. Были отличия в тамгах каждого племени, хотя по очертанию можно обнаружить и некоторые сходства. Как обычно, кочевники наносили тамгу на круп лошадей и морды овец. Можно сказать, целый табун имел однородную тамгу. Экспедиционные материалы показывают, что тамги наносились и на камнях, скалах и других местах, где обитали кочевники. Это о чем говорит? О том, что значение тамги было намного шире, чем мы себе это представляли. Нанесение тамги кочевниками на своей территории не являлось развлечением, а было целенаправленным действием. Именно через тамги они оставляли след на местах и маршрутах кочевания, ещё раз напоминая о своих правах на владение данной территорией, что являлось неоспоримым доказательством для других кочевников. Начиная с 40-х годов XIX в., когда налаживались связи с западносибирскими властями, кыргызские бии и манапы, начали ставить свои тамги и на письма, отправляемые в Россию через татарских купцов. Видимо, тут определенную роль играл уровень грамотности местного населения, но сами кыргызские бии и российская администрация, четко воспринимали значение тамги как неотъемлемого атрибута кочевого общества.
Наряду с другими атрибутами, флаг в кочевом кыргызском обществе имел не менее важное значение. В каких же случаях флаг имел значение непосредственного атрибута племени? В словаре К.К. Юдахина приведены несколько разновидностей флага. Это – байрак, пика с бунчуком, выставлявшаяся только у влиятельных и богатых – остриём вверх сквозь түндүк в качестве знака, что в юрте есть умерший мужчина; туу – знамя, стяг – водружалось на возвышении, чтобы было видно всему войску; обычно знамя держал всадник, передние ноги коня которого были спутаны, чтобы знаменосец не мог без приказа покинуть свой пост; желек – тоже флаг (в эпосе означал наконечник флагштока), желеги алтын туу – знамя с золотым флагштоком24.
Эти историко-этнографические сведения указывают, что у кыргызов были разные типы флага, и вообще, использовался он как атрибут в разных целях. Он водружался как символ власти и самостоятельности, вдохновляя народ в разных ситуациях, как в военных походах и шествиях, так и в ритуальных процессах по случаю смерти знатных людей – биев и манапов и т.д. Об этом свидетельствует ход народного восстания 1916 г., когда в кыргызских племенах в процессе избрания предводителейханов, осуществлялся ритуальный момент – целование и поднятие флага перед народом. Кроме того, народное ополчение каждого племени, поднимало свои флаги.
Боевой клич – ураан является также одним из атрибутов племени. В военных условиях, ураан использовался как боевой клич племени, выкриком имени знаменитого предка. Это происходило перед вступлением в бой или во время атаки. Баатыры часто выкрикивали ураан своего рода перед вступлением в боевое состязание «эр сайыш». В мирных условиях ураан также продолжал оставаться одним из атрибутов племени или рода. Каждый кочевник знал ураан своего племени. Когда спрашивали «урааның ким», он был в состоянии назвать не только свое происхождение, но и ураан. В кочевом обществе с помощью ураана человек выделял свою принадлежность к конкретному племени или роду, а также свое социальное происхождение. К примеру, Чыныбай-бий, в свое время служивщий помощником уездного начальника, спрашивал об этом Суранчы-баатыра, из племени багыш – одного из близких современников Шабдан-баатыра, который ответил: «Уругум болот Жангороз, урааным болот сарыбагыш», т.е. «Род мой Жангороз, ураан мой сарыбагыш»25.
Таким образом, в процессе изучения этносоциальной структуры, мы убедились в том, что при формировании патриархально-кочевого общества кыргызов, немаловажную роль играли территория и родственно-генеалогические принципы, а также его атрибуты. Все эти данные говорят о том, что несмотря на генетическую общность номадного общества народов Центральной Азии, у кыргызов были свои особенности кочевой жизни. Процесс сложения данной структуры изучаемого общества кыргызов охватывает примерно вторую половину XV–XVI вв. Возможно, последующий период развития этносоциальной и политической структуры кочевого кыргызского общества непосредственно связан с его изменением в связи с территориально-демографическим расширением этноса, и это требует дальнейшего исследования.
Примечания:
- Материалы по истории киргизов и Киргизии. – М., 1973. – Вып.1. – С. 206–207; Материалы по истории киргизов и Киргизии // Рукописный фонд Ин-та языка и лит-ры им. Ч.Т.Айтматова Национальной академии наук Кыргызской Республики (далее сокращенно: РКФ ИЯиЛ НАН КР). – Вып.2. – № 629 (5176).
- Супруненко Г.П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начала XIX вв. – Фрунзе, 1976 // РКФ ИЯиЛ им.Ч.Т.Айтматова, НАН КР. – № 5179. – С. 78.
- См.: Абрамзон С.М., Потапов Л.П. Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории (на материале тюркоязычных кочевников) // Советская этнография.
- – № 6; Советская энциклопедия. – М., 1976. – С. 28–41.
- Сыдыков О. Тарих Кыргыз Шадмания: Кыргыз санжырасы.– Фрунзе, 1990.
- Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. 1–2 китеп. – Бишкек, 1993.
- Бала Айылчынын санжырасы // Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1994. – С.177.
- Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы // РКФ ИЯиЛ НАН КР. – № 808.
- Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө // РКФ ИЯиЛ им. Ч.Т. Айтматова НАН КР. – № 191.
- Молдо Мухаммед Али Кыпчаки. Кыргыз тарыхы, кыргыздардын урууга бөлүнүшү тууралуу // РКФ им. Ч.Т.Айтматова НАН КР. – № 47.
- Бардашев И.А. Сведения о дикокаменных киргизах // Туркестанские ведомости. – 1870. – №15.
- Сведения о дикокаменных киргизах, собранные Толмачом Бардашевым // ЦГВИА России, ф. ВУА, оп. 1, д. 18551.
- Эти перечисленные материалы были любезно предоставлены
Д.Сапаралиевым, за что я выражаю ему свою признательность. –Т.А.
- Валиханов Ч.Ч. Родоподразделение киргизских племен // Собр. соч. – Т.II. – Алма-Ата, 1986. – С. 82–89.
- Ситняковский Н.Ф. Таблица киргизских родов Ошского уезда // Известия Туркестанского отдела РГО. – Ташкент, 1900. – Т.II. – Вып.1. – С. 99–110.
- Винников Я.Р. Родо-племенной состав и расселение киргизов на территории Южной Киргизии // Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. – М., 1956. – Т.I. – С. 136–169.
- См.: Толстов С.П. Пережитки тотемизма и дуальной организации у туркмен // Проблемы истории докапиталистического общества. – М., 1935. – № 9–10; Жданко Т.А. Очерки исторической этнографии каракалпаков в XIX – начале XX вв. // Труды Ин-та этнографии им. Н.Н.Миклухо-Маклая. – М., 1960. – Т.IX; Карпов Г.И. Туркмены – огузы (материалы к этногенезу туркменского народа) // Известия Турк. Филиала АН СССР. – Ашхабад, 1945 и др.
- См.: Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. – Л., 1971. – С. 200; его же. Формы родоплеменной организации у кочевников Средней Азии // Труды Института им. Н.Н.Миклухо-Маклая. Новая серия. – Т.XIV. – Этнографические материалы и исследования. – М., 1951.
- Мокеев А.М. Этапы этнической истории и социальной организации кыргызского народа на Тянь-Шане в XVI – середине XVIII вв. // Известия АН Республики Кыргызстан. – С.43–54.
- Абдыкерим Сыдыков – национальный лидер // состав. З.Курманов, В.М.Плоских, С.Бегалиев и др. – Бишкек: Кыргызстан, 1992. – С. 86.
- Там же.
- Труды Ин-та этнографии им.Миклухо-Маклая. – Т. XIV.
- М., 1951. – С. 152.
- ЦГВИА России, ф. ВУА, оп. 1, д. 18551.
- Алымбектин санжырасы (Абылай хандын доорундагы кыргыз-казак мамилеси. XVIII к-дын окуялары). – Бишкек, – С. 25–26.
- Юдахин К.К. Кыргызско-русский словарь. – Бишкек, 1999.
- С. 98, 245, 771.
- Полевые записи за 1992 г.
А.БЕДЕЛБАЕВ
БАЙТИК БААТЫР
Кылымдардын тереңинен бери ат жалында өмүр кечирип, Борбордук Азиянын тоо-түздөрүндө көчмөн турмуш өткөргөн татаал тагдырлуу ата-бабаларыбыздын карт тарыхында мекен жүгүн татыктуу аркалай, ата-журтунун бүтүндүүлүгү, элинин эркиндиги менен бейкуттугу үчүн бүт өмүрүн арнаган миңдеген эр-азаматтары жана асыл мурастарды жараткан ойчулдары болгон. Бизге жеткен кытай, фарсы, араб, түрк, орус жана башка тилдердеги жазма булактарда Барсбек каган, Мукамбет кыргыз, Атаке баатыр, Алымбек датка, Курманжан датка, Ормон хан, Шабдан баатыр сыяктуу ондогон чыгаан инсандар жөнүндө так маалыматтардын, ошондой эле Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Калыгул олуя, Молдонияз, Тоголок Молдо сындуу даанышмандардын баа жеткис руханий эстеликтеринин сакталып калышы жогорудагынын айкын далили. Бай тарыхын оозеки сактаган санжыргалуу кыргыз санжырасында сандаган ысымдардын кездешиши жана «Манас» эпосу туу чокусунда турган элдик оозеки чыгармалардагы каармандардын арбындыгы да кыргыз элинин чыгаан уул-кыздарынан уучу кем эмес экендигин күбөлөп турат. Арийне, алардын уламышка айланган өрнөктүү өмүр жолдору ар түрдүү жазма булактарды кылдат салыштырып изилдөө менен такталып, келечекте тарых барактарынан татыктуу орун алаары шексиз.
Кыргыз элинин өткөн тарыхына жана жаркын инсандарынын тагдырына болгон кызыгуусу эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин кескин жогорулады. Анткени, 70 жылдан ашуун өкүм сүргөн Совет доорундагы партиялык-тоталитардык режимдин мезгилинде революцияга чейинки тарыхый инсандардын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымдары эмес ысымдарын атоого тыюу салынып, айтылса да бир беткей – «эзүүчү тап», «бай-манап» же «эл душманы» деген жарлыктар тагыла, терс баа берилип келген. Ошентсе да алардын өтөлгөлүү иштери эл ичинде атадан балага оозеки түрдө өткөзүлө, унутулбай келгендигине бир эсе суктансаң, бир эсе «элдин акыл элегинен өткөн нукура тарыхын өчүрүүгө болбойт» деген нуска сөздүн чындыгына дагы бир ирет бекем ынанасың.
Өмүр жолу өрнөктүү инсандардын бири ХIХ кылымдагы белгилүү коомдук-саясий ишмер Байтик баатыр болуп эсептелет.
Өз мезгилинде эле атагы алыска кеткен Байтик Канай уулу болжол менен 1820–1821-жылдары эгин тегиз бышкан маалда Сары-Өзөн Чүй өрөөнүнүн дал орто ченин жара аккан Ала-Арча суусунун тоо этегиндеги кыргыз конуштарынын биринде, солто уруусун бийлеген тектүү тукумдун бир үй-бүлөсүндө туулган. Эл оозунда сакталган маалыматтар боюнча энеси Эренче Канай бийдин Таластан алып келген токол аялы болгон. Көчмөндөрдө бала төрөлгөндө адатта атасы азан чакырып, көзүнө алгач урунган же эсине келген нерсенин аталышын перзентине ысым катары ыйгаруу кеңири таралган. Андыктан, Түлөбердинин жети уулунун тың чыкмаларынын бири Канай бий да талаада жаңыдан орулуп, боо-боо боло тигинен коюлган эгинге көзү түшө, ак дилинен уулуна «Байтик» ысымын ыйгарган экен. Кыясы, ал кан-жанынан жаралган баласы токчулук менен молчулукта жашасын деп тилесе керек.
ХIХ кылымдын башында солто уруусун жалпы жонунан Канай бийдин бир тууганы Эшкожо бийлесе, 1830-жылдары журт башкаруу анын уулу Жангарачка өткөн. Бул мезгилде Чүйгө Кокон хандыгынын бийлиги орноп, карапайым калкты эзүү, бөлүп-жаруу күч ала баштаган. Ушундай татаал кырдаалда Жангарач уруулаштарынын биримдиги менен бүтүндүүлүгүн сактоого умтула, кылдат саясат жүргүзө билгендиги, даанышмандыгы, эр жүрөктүүлүгү жана калыстыгы менен элдин урмат-сыйына ээ болгон. Анын алысты көрө билген саясатчы жана жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн жетекчи экендиги 1845–1847-жылдардагы Кененсары Касымовдун жортуулу учурунда даана көрүнгөн. Орус падышачылыгынын колонизатордук саясатынын натыйжасында эки тектеш эл кагылышкан учурда Жангарач кыргыз урууларын баш коштурууга, солтолорду бөөдө кыргындан сактап калууга жана казак төбөлдөрү менен тил табышууга зор салым кошкон.
Алмустактан калыптанган кыргыз элинин каада-салты боюнча тектүү тукумдун баардык балдары бирдей укукка ээ болуп, арасынан тың чыккандары эл башкаруу иштерине жигердүү аралашышкан. Көчмөндөрдөгү жөрөлгөлүү салттардын бири – журт башылары балдарын кичинесинен эле малчы, жатакчы уруулаштарынын балдарына аралаштыра, ысык-суукту, барды-жокту жана ачты-токту көтөрө билүүгө тарбиялоо болуп эсептелет. Бой көтөргөндөн эле тай-торпок минип, жоокерчилик менен мал чарбачылык иштерине аралашуу адаттагы көрүнүш болгон.
Байтиктин балалыгы да кедей-кембагалдардын арасында, чарба жумуштарына тартылуу менен өтүп, көчмөн турмуштун сырларын терең өздөштүргөн. Анын телитеңтуштарынан айырмасы кичинесинен эле тири карак, зээндүү жана шок болгондугунда турат. Ал өспүрүм курагында эле беттегенинен кайра тартпаган көкжал, кармаган жеринен кан чыгарган балбан, баамчыл жана кыраакы болгондугу элдик аңыз кептерде көп кездешет.
Чарбадан бошой калганда айлана-чөйрөсүнө өзү теңдүү балдарды топтой, аскердик жана элдик оюн-шоокторду уюштурган. Демилгелүүлүгү менен жетекчиликти колуна ала, тай-торпок жарыштырса да, көкбөрү тартып, эр эңиш же күрөшкө чыкса да «жигиттерин» «Канай» деп ураан чакырткан. Колу ачык, жоомарт болуп, оюндун жеңүүчүлөрүнө болгон мал-мүлкүн аянбай кармата берген. Анын мындай көйкашкалыгы атасынын көзүнө илинип, Байтикти журт башкаруу иштерине – ар түрдүү жыйындарга, түйүндүү маселелерди чечүүгө эрте катыштыра баштаган.
Бой тартып, каруу-күчкө толгон сайын Байтиктин шоктугу күч ала, тил табышпагандарды ур-токмокко да алып жиберген. Жоокерчилик замандын шартына жараша барымтага да аттана коюп, жоолашкандар менен тайманбай чабышкан. Адилеттик жана намыс үчүн элинин кызыкчылыгын коргоого дайыма даяр болгон. Анын көкжалдыгы, ошол эле учурда улуу-кичүүнү сыйлай билгендиги көптү көргөн, көсөм казак бийи Кудайбергендин купулуна толуп, эл топтолгон жыйында Байтикке «журт башы бол» деп ак батасын берген экен.
1835-жылдары Канай бий эрте жетилген уулу Байтикке бир чети көз тийбесин, бир чети эл-журт аралап көзү ачылсын деген ниетте Таластагы туугандарына – Караколдогу таекелеринин айылына жөнөтөт. Эл оозуна илинип калган Байтикти туугандары урмат-сый менен тосуп алышып, ошол аймактагы кыргыз, казак урууларынын башчылары менен таанышууга жана мамиле түзүүгө шарт түзүп беришет. Ал жерде да Байтик кадимкидей жигит күтүп, оюн-тамашаларда жана барымтага чыкканда көрсөткөн эрдиктери үчүн «баатыр» атала баштайт. Болжол менен ушул мезгилде атасы Канай дүйнөдөн өтүп кетет.
Акылы толуп, жигиттик куракка келген Байтиктин даңазасы кыргыз элинин оң жана сол канатына гана эмес, канатташ жашаган казактар менен Кокон хандыгына чейин тарала баштайт.
1840-жылдары ал саруу уруусунун башчысы Ажыбек датка менен жакшы мамиле түзүп, уулу Нурак менен акыреттик дос болот. Ошондой эле атактуу манасчы Балыкооз жана башка белгилүү адамдардын урмат-сыйына жетишет.
Тарыхта белгилүү болгондой, 1842-жылы Кокон хандыгында төңкөрүш болуп, кыргыз бийлеринин чечкиндүү аракетинин натыйжасында таластыктардын жээни Шералы хандыкка көтөрүлөт. Болжолу, ушул окуядан кийин Кыргызстандын түндүгүндө Ормон хандыкка көтөрүлүп, бирдиктүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракет жасалса керек.
Албетте, мындай тарыхый окуялар Байтиктин саясий көз карашынын калыптанышына таасир тийгизбей койгон эмес. Ал кыргыз элин Кокон хандыгынын эзүүсүнөн, өзгөчө, салык саясатынан куткарууга аракеттенген. Даңазасын чыгарып, кокон төбөлдөрүнүн жүрөгүнүн үшүн алуу максатында Байтик баатыр Чымкент чебинин башкаруучусунун сулуу келини Аккызды тартып кетип, Бүтөш деген тууганынын уулу Байсабага нике кыйдырат. Бул чатакты талдоого келген Ташкент шаарынын беги Байтиктин жалтанбаган көйкашкалыгына бир чети таң данса, экинчи жагынан кыргыздардын каршы чыгуусунан чочулай, келинди кайын-журтуна кайтарып берүү чечими менен чектелет.
Ошентип, Байтик Талас жергесинде 10 жылча жүрүп, «баатыр», «Кара Байтик» деген атактуу наамдарга ээ болот. Анын дооруна жараша жасаган эрдиктери Борбордук Азия элдеринин арасында аңыз кептерге айланып, зоболосу көтөрүлөт.
1845-жылдары Байтик баатыр киндик каны тамган Чүйгө кайтууну чечет. Таластан өзү гана кайтпастан жан-шерик жигиттерин, ар түрдүү себептер менен ошол жерде жашап калышкан 100 түтүндөн ашуун солто, сарыбагыштарды кошо көчүрө келет. Алардын ичинде аяш атасы Ажыбек датканын айылында туруп калган манасчы Балыкооз да бар эле. Атактуу манасчыны көчүрүп кетүүгө аяш атасынан уруксат алуу менен Байтик ак таңдай акынманасчы анын зоболосун көтөрүүгө кызмат кылаарын терең түшүнгөнүн баамдоо кыйын эмес.
Ата конушуна кайтып келген Байтик баатырды солто уруусунун даанышман жол башчысы Жангарач бий башында турган тууган-туушкандары кадырлап тосуп алышкан. Алыс-жакындан өрлүктөп келгендер Байтик баатыр менен баарлаша, анын акыл-эси толгондугуна жана журт башкарууга татыктуу экендигине күбө болушкан. Ошол мезгилден тарта Байтик баатыр өз конуштарына таандык урукташтарын бийлөө жана камын көрүү милдетин өз мойнуна алат. Түйүндүү маселелер чечилүүчү топторго, ар түрдүү жыйындарга жигердүү катышып, өзүнүн таасын ойлору, чечкиндүүлүгү жана калыстыгы менен эл көзүнө көрүнө баштайт.
Ошентип, Байтик баатырдын коомдук-саясий ишмер катары калыптана башташы ХIХ кылымдын орто ченине туура келет. Бул мезгилде Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда саясий кырдаал кыйла татаал эле. Ормон хандын түндүк кыргыздарын баш коштуруп, мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө аракеттенгенине карабастан уруулар аралык ырк келишпестик күчөп кеткен. Анткени, кыргыз жергесине толук үстөмдүгүн орноткон Кокон хандыгы, бул аймакты басып алууга умтулган Россия, Англия жана Цин империялары көчмөн уруулардын арасында бөлүп-жаруучулук жана чагымчылдык саясатты жүргүзүшкөн. Кокон хандыгынын аёосуз эзүүсү жана сандаган оор салыктары карапайым калкты жакырчылыктын сазына батырган. Натыйжада нааразычылык күчөп, жержерлерде тынымсыз толкундоолор болуп турган. Алсак, 1840–50-жылдары эле Ак-Талаа, Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө ири көтөрүлүштөр болуп өткөн. Бул кыймылдар аёосуз басылып, Кокон хандыгынын жергиликтүү төбөлдөрү элди эзүүнү ого бетер күчөтүшкөн.
Ушундай кырдаалда, 1845-жылы Орто Жүз казактарынын ханы Кененсары Касымовдун кыргыздарга каршы жортуулу башталган.
Казак элинин улуттук баатыры Кененсары Касымов 10 жылга жакын орус колонизаторлоруна каршы каармандык менен күрөшүп келгени белгилүү. Падышачылыктын мыкты куралданган аскерлерине туруштук бере албаган Кененсары Касымов Борбордук Азиядагы түрк тилдүү, тектеш элдерди бириктирип, колонизаторлорго каршы күрөшүү максатында Улуу Жүз казактарына келген. Элдик оозеки маалыматтар боюнча ал кыргыз уруу башчыларына элчилерин жөнөткөндө Ормон хан биригүүгө макул экендигин билдирип, бирок «улуулугума карап хандыкты мага берсин, калганын Кене өзү билсин», – деп жооп берген экен. Бул талапка макул болбой, кур намыска алдырган Кененсары кыргыздарды басып алуу максатында бир нече бүлгүнчүл жортуулдарды уюштурат. Анын акыркы жүрүшү 1847-жылы эрте жазда башталган. Аларга каршы түндүк кыргыздары түп көтөрө биригип, жоокерлердин башында Ормон хан, Жантай жана Жангарач баштаган мыкты эр-азаматтар турушкан.
Жангарач бий солто элинин кары-картаңдарын, аялдарын жана балдарын Кегети менен Шамшы тоолоруна көчүрүп, өзү жигиттери менен Токмоктун күн чыгыш тарабындагы Оробашы деген жерде жоону тосот. Аларга Кемин, Кочкор, Көлдөн сарыбагыштар, Теңиртоодон саяктар келип кошулушкан.
10 күндөн ашуун созулган кыргыз-казак чабышы Ток моктун түндүк-чыгыш тарабындагы Кекиликтин Сеңири, Майтөбө жана Каракоңуз деген жерлерде өткөн. Салгылашуу ортологон мезгилде көлдөн Ормон хандын көп аскер менен келиши, кыргыздар менен жакшы мамиледеги казак султандары Рүстөм, Сыпатай бий, Байзак баатырлардын өз уруулаштарын согуш талаасынан тымызын чыгарып кетиши жана казак-орустардын Улуу Жүздөн келүүчү кошумча күчтөрдүн жолун бөгөшү Кененсарынын жоокерлеринин толук жеңилишине өбөлгө түзгөн.
Кененсары, бир тууган иниси Ноорузбай жана агасынын уулу Эржан жүздөгөн аскерлери менен туткунга алынып, жетекчилери өлүм жазасына тартылган. Элдин чечими менен бир катар казак султандары жигиттери менен бошотулган.
Элдин эркиндигин сактоого багытталган күрөштөн Байтик баатыр да четте калбаса керек. Алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча 1847жылы Оробашыдагы салгылашуу учурунда Ноорузбайдын «аргымагын солто Байтиктин мергени бутун сый аткан». Демек, каруу-күчкө толгон, 27 жаш курактагы Байтик баатырдын бул салгылашууларга катышканы талашсыз. Болгону уруу башындагы жалпы жетекчилик Жангарач бийге таандык болгондуктан Байтик баатырдын ысмы көптөгөн каарман кыргыз жоокерлериники сымал даңазаланбай, көмүскөдө калган.
1847-жылы 22-августта Капал шаарында Россия империясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кыргыз-казак тынчтык келишимине кол коюлган жана кийинки жылы Кененсарынын карындашы Бопуйкан көп тартуу менен кыргыздарга келип, туткундагы казактарды бошотуп кеткен. Боордоштордун ортосундагы кандуу кагылышуу эки элдин ортосуна убактылуу жарака салганы менен алардын кылымдар ширеген достук мамилелерин буза алган эмес.
Кыргыз коомундагы мындай тарыхый окуяларга Байтик баатыр жигердүү аралашкан. Көчмөн доордун шартына жараша канатташ жашаган казак, кыргыз айылдарынын жана Кокон хандыгынын төбөлдөрү менен мамиле түзүп, уруулаштарынын бейпилдигин сактоого умтулган. Ошол эле учурда ата-бабадан калган нарктуу салтты ыйык тута, агасы Жангарач бийден бийлик тизгинин талашкан эмес. Тескерисинче, эр ортону элүүнүн кырына келген агасынын зоболосун көтөрүүгө аракеттенген. Ал үчүн эл-жер кыдырып, агасы менен тең чамал кыргыз уруу башчылары менен тез-тез жолугушуп турган. Кыясы, жаштайынан сезимтал Байтик баатыр кыргыз элиндеги жалпы абал менен да терең таанышкысы жана журт башылары менен тыгыз мамиле түзгүсү келсе керек.
1853-жылы жай толукшуган мезгилде Байтик баатыр Балыкооз манасчы баштаган жигиттери менен Кемин сарыбагыштарынын башчысы Жантайдын айылына жолоочулап келет. Бул мезгилде Жантай Жангарач бийдин эрке кызына куда түшүп, 13 жаштагы уулу Шабданды күйөөлөтүп келген эле. Андыктан, Жантай Байтикти бир чети куда, бир чети келечектүү журт башы катары өтө жылуу кабыл алат. Алар бир айча чогуу болушуп, учурдагы көп маселелерди талкуулашкан. Турмуштук тажрыйбасы мол, зоболосу бийик жана кыраакы саясатчы Жантайдын насаат сөздөрүнө кулак төшөй, кыргыз элинин биримдиги жана бейкут жашоосу үчүн эмне кылуу керектигин акылдашышкан. Араларында Балыкоозго «Манас» айттырышып, ак таңдай ырчылар менен өнөрпоздор оюн-тамаша уюштурушкан.
Эки чыгаан саясатчынын бир айлык баарлашуусу жөнүндө Балыкооз Алымбек санжырачыга, ал өз кезегинде уулу Тургунбекке айтып берген. Азыркы күндө ал санжыранын кол жазмасы Кыргыз илимдер улуттук академиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Андагы маалыматтарга караганда пикирлешүү негизинен көйгөйлүү маселелердин – Кокон хандыгынын эзүүсү, Россия жана Цин империяларынын кыргыз жерлерин басып алууга умтулуусу, уруулар арасындагы ырк келишпестигинин айланасында жүргөн. Көсөм жетекчи Жантай кыргыз элинин бүтүндүүлүгүн жана бейкуттугун сактап калуу үчүн Россия менен жакындашуу керектигин, бирок түзүлгөн кырдаалда өтө этият саясат жүргүзүү зарылдыгын билдирген. Байтик баатыр айтылган кеңештерди кунт коюп уга, жүйөөлүү сөздөрдү айткандыгы үчүн Жантай дын купулуна толот.
Мал жайлоодон түшө баштаганда Байтик баатыр конушуна кайтмак болот. Анын көкүрөктөгү жашыруун мүдөөсү Жантайдын атактуу күлүгү Көкшалкыны сурап алуу болгондугу эл оозунда айтылып келет. Кандай болгон күндө да сарыбагыштын чоң манабы бул үмүттү жазбай туюп, Байтикке Көкшалкыны тартуу кылат.
Көчмөн элдердин журт башчылары жана мыктылары күлүк ат, жорго күтүп, куш-тайган кармап, айланасына эр көкүрөк азаматтарды, өнөрпоздорду, саяпкер менен мүнүшкөрлөрдү топтошу адаттагы көрүнүш болгон. Бул нарктуу салтты Байтик баатыр да бекем кармаган. Уруулаштарындагы сөзгө чечен, мусулманча сабаттуу, кадырбарктуу адамдарды, чоң манасчы Балыкооз баштаган ырчы-чоорчуларды, бир тууган Бакытай менен Айдакедей балбандарды жана намысын талашкан жигиттерди күткөн. Алар Байтик баатырдын зоболосунун жогорулашында чоң роль ойношкон.
Бир катар жылдар бою кыргыз-казактарда өткөн аштойлордогу ат чабыштарда Байтиктин Көкшалкысы баш байгени алып турган. Күлүктү чапкандар «Канай» же «Байтик» деп ураан чакырышкан. Жеңүүчүнү мактаган жарчыларга, кедей-кембагалдарга тогуздап тийген байгесин аянбай тараткан. Анын мындай марттыгы кадырбаркынын тез өсүшүнө алып келген.
Болжолу 1859–1860-жылдары Чүй боорундагы Жыламышта солтонун карбоз уругунан чыккан Ботокандын чоң ашы өтүп, ат чабышта адаттагыдай эле Көкшалкы чыгып келет. Бул ирет күлүктү Жангарач бийдин тапшыруусу боюнча анын жигиттери алып кетишет. Ал мезгилде уруу башчысынын өз уруулаштарына тиешелүү мал-жанды же буюмду алып коюшу адаттагы эле көрүнүш болгон. Бирок, Байтиктин бир туугандары Байсеит менен Бошкой тең аталык кылып, аталаш Эшкожо тукуму менен чабышмак болгондо Байтик баатыр аларды токтотуп коет. Бир күнү кыябын келтирип, Жангарач бий сыркоолоп калганда Байтик союшка деп ак боз бээни жетелетип, агасынын ал-жайын сурап барат. Аздыр-көптүр күнөөсү бар агасынын карбаластай түшкөнүн байкамаксанга салып, сөз арасында: «Күлүк ээсин тааптыр, сизге ылайык мал экен», – дегенде пайгамбар жашын таяп калган солто элинин башчысынын дили агара: «Байтик, артыңдан киши куубасын, алдыңдан тороп тоспосун, сунган найза жетпесин, сууруган кылыч кеспесин, башыңдан бакты кетпесин, кууган адам жетпесин! Мына солто элинин бийлигин, эки тизгин, бир чылбырын өзүңө бердим! Оомийин!» – деп ак батасын берет. Ошондон тарта Байтиктин ооматы жүрүп, 1860-жылдын аягынан тарта Чүйдөгү солто элин бийлөө анын колуна өтөт. Ал эми Жангарач бий болсо 1864-жылы дүйнөдөн кайтканга чейин Байтиктин акылгөй кеңешчиси болуп, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө акыл-насаат бере, урмат-сыйдан ажыраган эмес.
Байтик баатыр солто элинин бейкуттугун сактоо багытында кылдат саясат жүргүзгөн. Ал 1860-жылдары Пишпек чебиндеги кокон төбөлдөрү менен тил табыша, уруулаштарынын мал-жанын дайынсыз тартып алууларды чектөөгө жетишкен. Ошол эле учурда Жети-Сууга тереңдеп кирип келе жаткан орус аскер башчылары менен мамиле түзүүгө аракеттенген. Саясий кырдаалга жараша бирде тили-дили тектеш кокон бийлиги менен, бирде орус аскер башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элин чапкын менен бөөдө кыргындан сактап калууга аракеттенгендигин күбөлөгөн көптөгөн тарыхый маалыматтар бар. Алар Байтиктин жөн гана эр көкүрөк уруу башчысы эмес, чыгаан саясатчы, даанышман элчи жана коомдуксаясий ишмер болгондугун күбөлөп турат.
ХIХ кылымдын экинчи чейрегинен тарта Россия империясынын тышкы саясатында жаңы жерлерди ээлеп алууга негизги басым жасалып, анын ичинде эли баео, жаратылыш байлыгы мол, күнөстүү жана жери түшүмдүү Борбордук Азияны басып алуу биринчи орунда турган.
Бирок, эл аралык абал татаалдашып, бул аймакты ээлөөгө Англия, Кытай империялары да умтулуп жаткандыктан падыша өкмөтү баскынчылык саясатын өтө кылдат жүргүзгөн. Чектеш жашаган Кичи Жүз, Орто жүз, ХIХ кылымдын башында Улуу Жүз казактарынын жерлерин
басып алып, жергиликтүү калкты белгилүү деңгээлде коргоого алган. Орус бийлигинин орношу менен барымта, уруулар аралык чатак азайып, салыштырмалуу түрдө тынч жашай башташкан. Алгачкы мезгилдеги мындай амалкөй саясат жамаатташ жашаган тектеш элдердин орус букаралыгына өтүүгө болгон ынтызарлыгын арттырган.
Россия империясы Борбордук Азияны басып алууда колонизатордук «бөлүп-жарып, бийлей бер» саясатын кеңири колдонушкан. Тили, дили тектеш элдерди каратып алууда бир тарапты бооруна тарта, экинчилерин курал күчү менен коркута, ошол эле учурда эки тарапты тең алдап-соолап, кур убадаларды беришкен. Жөө тумандай жылган орус аскерлери 1854-жылы Жети-Сууга Верный чыңдоосун негиздеп, 1856-жылы Батыш Сибирь аскер губернаторлугуна караштуу Ала-Тоо округун түзүшкөн. 1855-жылы орус букаралыгына өткөн Көлдөгү бугу уруусу ушул округга киргизилген. 1859-жылы Чүй кыргыздарынын жайыттарына жакын жерге Кастек чыңдоосун курушуп, алардын жергесин чалгындай башташкан жана кыргыз айылдарына Россияга кошулууга үндөгөн каттарды таратышып, уруу башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Өз кезегинде сарыбагыштардын башкы манабы Жантай, солтолордун атынан Жангарач бий орус төбөлдөрүнө падышанын букаралыгына өтүүгө макул экендигин билдирген каттарды жөнөтүшкөн. Мындай байланыштар 1858–1860-жылдары күч алган. Албетте, бул каттарды даярдоодо кыргыз уруу башчылары кеңешип иш кылгандыгы шексиз. Андыктан, башта эле Жантай менен сөз бышырган Байтик бул демилгени кызуу колдогон.
Кокон хандыгы да түндүк кыргыздарынын үстүнөн бийлигин сактап калууга жанталаша, кол топтоп, орус аскерлерине каршы чыгууга даярданышкан. 1860-жылы июль айынын башында Чүй бооруна кокондуктардын 5 миң аскери келип, Пишпек чебинен Кастек чыңдоосуна чалгындоо тобун жөнөтүшкөн. Ошол эле учурда кыргыз, казак төбөлдөрүн орустарга каршы чыгууга, азык-түлүк жана унаа менен камсыз кылууга мажбурлашкан. Солто уруусунан Байтик, Султанбай, Абайылда, сарыбагыштардан Жантай, казактардан Супатай, Байсеит, Керим жана башкалар жигиттери менен Пишпек чебине келишип, кокондуктардын кысымы астында Кастек чыңдоосуна кол салууга катышууга мажбур болушкан. Бирок, орус булактарында белгиленгендей, кыргыз-казактар жалпы караанды гана көбөйтүшүп, 9–10-июлда болгон салгылашууларда көрүүчүлөр катары ок жетпеген жерде турушкан. Аскердик тартиби жана курал-жарак жагынан алда канча күчтүү падыша аскерлери кокондуктарды сүрө баштаганда кыргыз-казактар конуштарына кетип калышкан. Беттешүүдө жеңилген кокондуктардын кадырбаркы кыргыздардын арасында такыр түшүп кетип, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздар уруу башчыларынын чечимине ылайык тоо арасындагы алыскы жайлоолорго көчүп кетишкен. Бул, учурдагы кырдаалда эң туура тандалып алынган жол болуп, кыргыздар бөөдө кыргындан аман калышкан.
Орус аскерлери көчмөндөрдү биротоло каратып алуу үчүн кокондуктардын Чүйдөгү чептерин талкалоо керек экендигине көздөрү жетип, кокон сарбаздарынын Кастекке койгон чабуулуна жооп иретинде Чүй өрөөнүнө жүрүш башташкан. Алар 1860-жылы 26-августта Токмок, 4-сентябрда Пишпек чептерин басып алышып, 4–5 күндүн ичинде толук талкалашкан. Чептердин тез алынышы кыргыз уруу жетекчилерин орустар менен байланышты күчөтүүгө түртүп, Жангарач бий менен Байтиктин элчилери орус аскерлерин куттуктап Пишпекке келишкен.
Сентябрдын орто ченинде орус аскерлери күн сууктап бара жатканына байланыштуу Кастек жана Верный чыңдоолоруна кайтып кетишкен. Бул кабар жетээри менен Кокон хандыгы Чүй кыргыздарынын үстүнөн болгон бийлигин калыбына келтирүү үчүн Ташкент шаарынын беги Канат Шаа жетектеген он беш миңден ашуун сарбаздарды жана Алымбек датка жетектеген түштүк кыргыздарын жөнөткөн. Алардын максаты кыргыздарды салык төлөөгө мажбурлоо, Пишпек, Токмок чептерин кайрадан чыңдоо жана орус аскерлерин Жети-Суудан сүрүп салууга аракеттенүү эле.
Ири аскер күчүнүн келиши менен кыргыз уруу башчылары элин аман сактап калуу үчүн кокондуктар менен убактылуу келишүүгө барышкан. Кокон төбөлдөрүнүн талабы боюнча Жангарач менен Байтик Пишпек чебин калыбына келтирүү жумуштары үчүн миң киши, кошуун үчүн 500 ат, ар бир айылдан эки кап таруу жана аскерге куралдуу жигиттерин берүүгө мажбур болушкан. Мындай өкүмзардыкка айласыздан баш ийген кыргыздардын кокондуктарды жек көрүү сезими ого бетер күч алганы шексиз.
Кыргыз жоокерлерин күчтөп кошкондон кийин саны 20 миңден ашкан Канат Шаанын колу 1860-жылы октябрда Курдай белин ашып, орустардын Кастек чыңдоосуна жакындап келген. Алдын ала кабар уккан орус аскерлери Капалдан, Верныйдан кошумча күчтөрдү чакыртып, беттешүүгө катуу даярдык көрүшкөн. Тарыхка Узунагач салгылашуусу деген ат менен кирген бул уруштар 18-21-октябрда Узунагач менен Кастек өрөөндөрүндө өткөн.
Канат Шаанын ич ара биримдиги жок кошууну алгачкы күндөн эле натыйжасыз чабуулдарды уюштурушкан. Алымбек датка жетектеген кыргыздардын колу салгылашууга активдүү катышпастан, көбүнесе ок жетпеген жерлерде «көрүүчүлөрдүн» ролун аткарышкан. Байтик баатыр да катышкан кыргыз уруу башчыларынын мындай аракеттери алдын ала макулдашылып, жек көрүндү кокон бийлигине каршы багытталгандыгында шек жок. Бул ойду Ала-Тоо округунун башчысы Г.А. Колпаковскийдин 1860-жылы 26-октябрда Батыш Сибирь губернаторуна жөнөткөн билдирүүсү күбөлөп турат. Анда эгерде Канат Шаа ишенген кыргыздар чабуулдарга чечкиндүү катышышса алар жеңишке жетишиши мүмкүн эле деп билдирген. Ал эми Кокон ордосунун тарыхчысы Мулла Нияз Мухаммад Коканди Узунагач салгылашуусунда Алымбек датка анжиян колу менен кыргыздарды согуш талаасынан алып кеткендиктен кокондуктар жеңилип калды деп жазган.
Биздин оюбузча, мындай чечимди ийкемдүү саясат жүргүзүп, кырдаалды туура баалаган кыргыз уруу башчылары кеңешип кабыл алышса керек. Бул кеңеште Алымбек датка, Байтик баатыр, Шабдан баатыр сындуу кыргыз мыктылары өздөрүнүн жүйөлүү сөздөрүн айтышып, элин бөөдө кыргындан сактап калууну баарынан жогору койгону талашсыз. Анын үстүнө кокондуктардын зордукчул саясаты да аларды ушул жолго түрткөн.
22-октябрда Канат Шаанын колу согуш талаасын таштап, Чүйгө кайтып кеткен. Пишпек чеби калыбына келтирилгенден кийин, 1861-жылдын башталышында анын башкаруучулугуна Рахматулланы дайындаган Канат Шаа Ташкентке кайтып кеткен. Ал апрель айында эки миң сарбазы менен кайрадан Пишпекке келип, кыргыздарга болгон үстөмдүгүн чыңдоого аракеттенген.
Ач көз жана залим Рахматулла Пишпекке кошумча күч, курал-жарак келгенден кийин кыргыздарды талаптоноону күчөткөн. Бул жөнүндө Б. Солтоноев: «Рахматулла Пишпекке бек болуп турганда кыргыздан зекет-үшүр, олпоң жана башка салыкты баштагыдан көбөйтүп ала баштаган», – деп жазган. Өзгөчө кысымга Пишпектин жака-белинде жашаган Байтик баатырдын уруулаштары дуушар болгон. Мындай зомбулукту чектөө максатында Байтик баатыр Рахматулла менен мамиле түзүүгө аракеттене, өзүнүн тун уулу Байсалды Пишпектеги медресеге окууга берген. Бирок, чептин дөөгүрсүгөн беги Байтик баатырды теңсинбей, солто элин талап-тоноону уланта берген.
1862-жылы эрте жазда көк улап Пишпек чебине жакын жайылып келген Байтик баатырдын 300 бээсин Рахматулла каматып салып, өтүнүп келгендерден тартуу алгандан кийин гана жылкыларды кайтарып берет. Анысы аз келгенсип медреседе мусулманча билим алып жаткан Байсалды да келекелей, кемсинте баштаганда ал окуусун таштап, ата конушуна кетүүгө мажбур болот. Мындай терс мамиле Байтик баатыр башында турган солто элинин кыжырын кайнатып, уруу кеңешинде жек көрүндү Рахматулланы жазалоо жана чепти талкалоо жөнүндө чечимге келишкен.
Бул мезгилде Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы түштүктө Алымбек датка жетектеген кыргыз-кыпчактардын көтөрүлүшү башталган. Алар 1862-жылы февралда Мала ханды өлтүрүшүп, ордуна 15 жашар жээни Шах Муратты такка олтургузушкан. Иш жүзүндө баш вазирлик орунду ээлеген Алымбек датка бийлик жүргүзүүнү колуна алган. Бирок, көп узабай хан ордодогу төңкөрүштөрдүн биринде Алымбек датканын башы алынат.
Хан тактыга кайрадан келген Кудаяр ханга каршы Алымкул аталык жетектеген кыргыз-кыпчактардын козголоңу башталган. Алар жай мезгилинде Наманган, Маргалаң, Ходжент шаарларын убактылуу ээлөөгө жетишип, түндүк кыргыздарына көтөрүлүштү колдоого чакырган каттарды жөнөтүшкөн.
Кокон хандыгындагы оор абалды пайдаланып, 1862жылы 22-апрелде Г.А. Колпаковский жетектеген орус аскерлери Чүйгө жүрүш уюштурган. Алардын максаты кокондук чептерди басып алуу эмес, Сырдарыя тараптан башталган орус жүрүшүнөн кокондуктарды алагды кылуу, чалгындоо жүргүзүү жана көчмөндөрдү өз бооруна тартуу эле. Кыргыз конуштары аркылуу өткөн бул жүрүштө Аксуу, Шиштөбө жана Мерке чептериндеги кокон төбөлдөрү каршылыксыз багынып берүү менен алсыздыгын көрсөтүшкөн.
Падыша өкмөтүнүн айлакер саясатына ылайык орус аскерлери кыргыздардын мал-мүлкүнө тийбестен, биз силерди кокондуктардан куткарып, тынчтык жана бейкуттук орнотуу үчүн гана келдик деп билдиришкен. Натыйжада, алар менен кезиккен кыргыз уруу жетекчилери Г.А.Колпаковскийге ыраазычылыгын жана колдоорун билдиришкен. Жүрүштө негизги максаттары ишке ашкан орус отряды 15-майда Верный чыңдоосуна кайтып келген.
Чөлкөмдөгү саясий кырдаалды кылдат баамдаган Байтик баатыр кокондук эзүүгө каршы боштондук кыймылын тездетүүнү чечкен. Ал үчүн Рахматулланы конокко чакырып, той үстүндө тындым кылууга макулдашышкан. Айлакер жана куу бек биринчи чакырыкка жердин алыстыгын шылтоолоп барбай коет. Бирок, ызага бууккан Байтик баатыр өз оюнан айныбай, оңтойлуу учурду күтөт. 1862-жылы сентябрда Байтик баатыр жайлоодон Пишпек чебинен 7-8 чакырым алыстыктагы Акчий деген күздөөсүнө көчүп келип, Абылгазы миңбашы аркылуу Рахматулланы кайрадан тойго чакыртат. Бул ирет ал кырк сарбазы жана 20 кыргыз жигити менен конокко келет. Алгач аларды жасалма урмат-сый менен тосуп, боз үйлөргө киргизишет. Алдын ала даярдалган кыргыз жигиттери сарбаздардын токулгалуу аттарынын сол үзөнгүлөрүн кесип салышкандан кийин, шарттуу белги боюнча шайма-шай турган жигиттер дасторкон үстүндөгү «меймандарды» басып калышат. Сак турган Рахматулла бир нече жигити менен качып чыгып, атын минүүгө үлгүрөт. Сарбаздарынын коргоосунда ал Пишпекти көздөй качып жөнөйт.
Алдын ала бөгөткө коюлган солто элинин баатырлары Көкүм, Дулат жана Чойбек Рахматулланы азыркы Маевка айылынын тегерегинен тосуп алышып, найзалап өлтүрүшкөн. Ал эми Байтик баатыр беш жүздөн ашуун кол менен Пишпек чебин курчоого алган. Ичинде 600дөй аскери бар, бекем чыңдалган, дарбазалары бек чепти замбиректин огусуз бузууга жана алууга мүмкүн эмес эле. Андыктан, Байтик баатыр Верныйда турган Ала-Тоо округунун башчысы Г.А. Колпаковскийге жардам сурап бир тууганы Сатилканды жөнөтөт.
Бул мезгилде алдын ала макулдашуу боюнча сарыбагыштардын чоң манабы Жантай Токмок чебине кол салып, аз сандагы кокон өкүлдөрү багынып берген соң, чепти тыптыйпыл талкалаган.
Сатилкандын Верныйга жардам сурап келиши ансыз деле Чүйдү басып алууга даярданып жаткан орус аскерлеринин жүрүшкө чыгуусун тездетти. Полковник Г.А.Колпаковский жетектеген орус отряды 1862-жылы 3-октябрда Верныйдан чыгып, 13-октябрда Пишпектин батышындагы Аларча суусунун боюна жеткен. Ага жолугуу үчүн Байтик баатыр жигиттери менен келип, орус аскерлерине жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.
Он эки күнгө созулган Пишпекти камалоого ар бири 150 жоокерден турган 8 рота, эки жүз казак-орус, жеңил артиллерия дивизиону, тоо замбирегинин эки взводу, 7 мортир жана ракеталык станоктор тартылган. Байтик баатырдын жигиттери да курчоону улантып, орус аскерлерине ар түрдүү жардамдарды көрсөтүшкөн.
Ошентсе да бекем чыңдалып, айланта казылган аңга суу толтурулган чепти алуу оңойго турган эмес. Орус аскер башчысынын билдирүүсү боюнча, чептегилердин башчысы Төрөкул баатыр коргонууну билгичтик менен уюштуруп, бузулган жерлерди түнү менен оңдошкон жана өжөрлөнө каршылык көрсөтүшкөн. 24-октябрга карата аңга чейин жашыруун жол казылып бүтүп, орус аскерлери мөндүрдөй жааган замбиректин огунун коштоосунда суудан өтө баштаганда гана кокондуктар багынып беришкен. 26-октябрда башталган чепти талкалоо иштерине Байтик жигиттери менен жигердүү катышкан.
Пишпекти камоо, каратуу жана талкалоо иштерине көрсөткөн зор жардамы үчүн Байтик падыша өкмөтүнүн 1-даражадагы сый чепкени менен сыйланган. Г.А.Колпаковский 1862-жылы 19-ноябрда Батыш Сибирь генералгубернаторуна жиберген билдирүүсүндө «аталган манап (Байтик – А.Б.) отряд Пишпектин алдына келгенге чейин да, бул чепти камоо мезгилинде да өзүн абдан алкоого арзыгыдай алып жүрдү жана өзүнүн аракети жана берилгендиги менен жогорку сыйлыкты берүүгө татыктуу болду» деп, андан ары кыргыздардын мартабалуу адамын өзүбүзгө тартуу үчүн падышага Анна лентасына тагылган чоң алтын медаль менен Байтикти сыйлоо сунушун киргизүүнү өтүнгөн.
Байтик Пишпекти камалоо учурунда эле Г.А.Колпаковскийге Чүйдөгү Мерке жана Олуя-Ата чептерин да алууну сунуштаган. Бирок, негизги максаты – Пишпек чебин талкалоону ишке ашырган орус отряды 2-ноябрда Верныйга кайтып кеткен. Анткени, падышачылыктын басып алуучулук саясатын акырындап жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык абалды байкоо жана келечек пландарды борбор менен макулдашуу керек эле.
Орус аскерлери кеткенден кийин кайрадан кокондуктардын кайтып келишинин алдын алуу үчүн Таластан
Сарымсак бий, Чүйдөн Байтик баатыр ошол эле жылы кеч күздө Олуя-Ата чебин камоого алышкан. Бул чабуулда кыргыздар толук ийгиликке жетишпесе да, душманды кыйла алсыраткан.
Орус булактарында Жангарач бий кокон бийлигине жан тарта, Таластын башы тарапка көчүп кеткендиги тууралуу маалыматтар кездешет. Бирок, элдик оозеки маалыматтарды талдоо жана кылымдар сыноосунан өткөн көчмөн элдин жазылбаган мыйзамы менен каада-салты бул алдын-ала сүйлөшүлүп жасалган иш экендигин көрсөтүп турат. Кыясы, татаал кырдаалда өткөн элдик кеңеште Байтик баатыр пайгамбар жашындагы агасынан коогалаңдуу окуялардан алыс болуп, тектеш кокон бийлигине жан тарткандай түр көрсөтүп туруусун өтүнсө керек. Анткени али да кимдин бийлиги сакталып калаары бүдөмүк эле. Мындай мезгилде элди аман сактап калуунун жалгыз жолу бычак мизиндеги кылдат саясатты жүргүзүү жана эки тарап менен тең мамилени сактап туруу болгону шексиз.
Батыш Сибирь генерал-губернаторунун макулдугун алган Г.А. Колпаковский 1863-жылы 11-майда Чүй өрөөнүнүн батыш тарабын чалгындоо үчүн Пишпекке келген. Орус аскерлери ал жерден эки топко бөлүнүп, бири ОлуяАта тарапка чалгынга кетсе, экинчиси чепти аягына чейин тыптыйпыл талкалоого калышат. Бул иштерге кыргыздар жигердүү катышып, орус аскерлерине унаа, азык-түлүк беришкен.
Орус аскерлеринин келе жатканын угуп, Мерке чебин таштай качкан 200дөй сарбаздарды талкалоого Байтик баатыр менен Жангарач бийдин жигиттери катышкан. Алар ондогон сарбаздарды туткундап, чептин беги Пардабекти өлтүрүшкөн. Ошондой эле орустардын чалгындоо тобун коштой, алардын коопсуздугун камсыз кылган.
Май айынын ортосунда Жангарач бий орус бийлигин колдоорун билдирген катты Г.А. Колпаковскийге жөнөткөн. Ошентип, оомалуу-төкмөлүү заманда кыргыз мыктылары эки оттун ортосунда ойноо менен элин бөөдө кыргындан сактоого аракеттенишкен.
Ушул мезгилде түштүк-чыгыштагы Түргөн, Кулжа тараптагы чек арада кытай-орус мамилелери курчуп кеткендиктен орус аскерлери шашылыш Верныйга кайтып кетишкен.
Мындай абалды Кокон хандыгы өз пайдасына чечүү үчүн 1863-жылдын аягынан тарта Чүйдү кайрадан толук каратууга аракеттене, Олуя-Ата чебин күчтөнтүп, Мерке чебин калыбына келтирген. Көчмөн элдерге чабармандары аркылуу үгүт баракчаларын таратышып, уруу жетекчилерине кур убадаларды, белек-бечкектерди берүү менен аларды өзүлөрү тарапка тартууга аракеттенишкен. Мисалы, Олуя-Ата чебинин беги Атабек датка Байтикке жолдогон катында, эгер ал кокон бийлигине баш ийсе анын баштагы күнөөлөрүнө кечирим берилип, өзү урматсыйга бөлөнөөрүн билдирген. Ошол эле учурда аны казак бийи Байзактын айылына кол салып, мал-мүлкүн тоноого чакырган. Бирок, акылы зирек жана орустар менен жакындашуу багытын тандап алган Байтиктин көз карашы өзгөрбөстөн, жогорудагы чакырыктан баш тарткан.
1864-жылы жазында Ташкент шаарынын беги Нурмухаммед Олуя-Ата чебине келип, Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү кыргыз-казак мыктыларын чакырткан. Жыйынга келгендердин көпчүлүгүнөн, анын ичинде солто уруусунун башчылары Жангарач бий, Маймыл жана Тынаалыдан кокон бийлигин колдоого убада алууга жетишкен. Кокон хандыгынын төбөлдөрү урууларды бөлүп-жарып бийлөө ыкмасын кеңири пайдаланып, кыргыз-казактардын арасын ажырата, ич ара барымтаны күчөтүшкөн.
Бул мезгилде орус падышачылыгы да Борбордук Азияны басып алуу пландарын тактап, Чүйдөгү бийлигин бекемдөөгө жана батышты көздөй акырындап жылууга киришкен. Ал үчүн 1864-жылы 17-мартта Кастек чыңдоосунан Чүйдү карай аскер старшинасы Бутаковдун 200 аскерден турган чакан отряды чыккан. Ал топ Токмокко жакындаганда сарыбагыш манаптары Мырзалы Жан таев, Менде, ал эми 26-мартта Байтик, Өзбек, Осмон, ага удаа Корчу, Макеш жана Шамдык келген. Алар бир-эки күн отряд менен кошо жүрүшүп, Чүйдөгү жалпы абал тууралуу маалымат беришкен. Атайын тапшырма алган Бутаков аталган манаптарды «кыргыз-казак чырларын териштирүү үчүн» деген шылтоо менен аскердин коштоосунда Верныйга жөнөткөн. Иш жүзүндө мындай амалкөйлүк аркылуу кыргыздардын Чүйдөн көчүп кетүүсүнө жана орустарга каршы чыгууларына бөгөт коюуну көздөшкөн. Бул ой негизинен ишке ашып, кыргыздардын басымдуу бөлүгү орустардын таасири астында кала берген. Манаптар да тез эле конуштарына кайтып келишкен.
Падыша өкмөтү аймакты биротоло басып алып, Сибирь жана Сырдарыя линияларын бириктирүү үчүн Жети-Суу тараптан чыгуучу аскердик экспедицияны даярдаган. Ал үчүн 1864-жылдын башынан тарта Кастектен Чүйгө араба жолу салына баштаган. Падыша өкмөтүнүн белдүү колонизаторлорунун бири, 1862–1863-жылдары Сырдарыя линиясында кызмат өтөгөн полковник М.Г. Черняев 1864жылы Сибирь линиясынын «Зачуйский» отрядына аскер башчылыкка бекитилип, экспедицияны жетектөө тапшырылган. 2500дөн ашуун аскери бар бул экспедиция 1864жылы 1-майда Верныйдан чечүүчү жүрүшкө чыккан. Отряддын курамында окумуштуу саякатчы Н.А.Северцовдун илимий тобу, көрүнүктүү казак окумуштуу-агартуучусу Ч.Ч.Валиханов да болгон. Алардын максаты Жети-Суунун тарыхы, жаратылышы жана элдердин маданияты, үрпадаты жөнүндө маалымат топтоо эле.
М.Г.Черняев өзүлөрүнүн негизги максатын жашырган куу саясатты улантып, кыргыздарга «силердин жерге тынчтык орнотуп, коргоого алуу жана сооданы өнүктүрүү үчүн келдик, силердин диний ишенимиңерге кийлигишпейбиз, салык албайбыз» сыяктуу чакырыктарды тараткан. Алгачкы учурда чынында эле ушундай мамиле богондуктан, кыргыздар бейкапар өз конуштарында калышып, орус аскерлерине мал, азык-түлүк сатып турушкан.
Май айынын ортосунда М.Г.Черняев Токмок чебинин урандыларынын жанына Чүйдө орус таасирин бекемдөө максатында Токмок чыңдоосун куруу үчүн аскер старшинасы Бутаковдун тобун калтырган.
16-майда Меркени көздөй жүрүшкө чыккан орус отрядына Пишпектин жанынан Байтик башында турган солто уруусунун мыктылары келишип, Олуя-Атага каршы жүрүшкө катышууга уруксат алышып, Чүйдөгү кокон чептерин алууга Байтик, Корчу, Өзбек жигиттери менен катышышкан. 24-майда Мерке чеби каршылыксыз багынып бергенден кийин Черняев кыргыз-казак маселелерин чечүү үчүн уруу башчыларын чакырткан. Жыйында барымтага байланыштуу чырлар чечилип, кыргыз-казак уруулары элдешишкен. Албетте, бул топто түйүндүү маселелердин оң чечилишинде жаш кезинен казак бийлери менен жакшы мамилеси бар Байтик баатыр менен казак элинин чыгаан уулу Ч.Ч.Валиханов чоң роль ойногондугу шексиз. Ошондой эле Россияда билим алып, Кыргызстандын тарыхы менен маданиятын алгачкылардан болуп изилдеген казак окумуштуусу кыргыз, казак төбөлдөрү менен кенен баарлашып, алардын ички дүйнөсүнүн жана аң-сезиминин байышына чоң таасир эткен. Көчмөн элди Россия жөнүндөгү баардык кабарлар кызыктырган. Кыясы, ушул жүрүш мезгилинде Байтик баатыр кубаттуу Россия империясынын карамагына өтүү гана кыргыз элин бөлүнүп-жарылуудан жана бөөдө кыргындан сактап калаарына терең ынанса керек.
28-майда Меркеден чыккан М.Г.Черняев 4-июнда, бир аз кармашуудан кийин, Олуя-Ата чебин басып алган. Бул салгылашууда да Байтик баатыр эр көкүрөктүгү менен айырмаланып, орус төбөлдөрүнүн назарына илинген. Орус бийлиги ошол мезгилден тарта Байтикке урматтоо менен мамиле жасап, анын пикири менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Черняевдин жүрүшүнө катышкандыгы үчүн Байтикке поручик чини берилип, Анна лентасына тагылган чоң алтын медаль менен сыйланган.
Чүйгө кайтып келгенден кийин Байтик баатыр уруулар аралык биримдикти чыңдоо жана орус букаралыгына кыргыздарды өткөрүү багытында иш жүргүзгөн. 1864-жылы жайында али кокон бийлигине баш ийген кетментөбөлүк саяктар менен байланыш түзүү учурунда алардын ири манабы Рыскулбек менен кагылышууга чейин барган. Бул окуя 1864-жылдын аягында Рыскулбекти орус букаралыгына өтүү өтүнүчү менен генерал М.Г. Черняевге кайрылууга түртүп, 1865-жылы 18-мартта орус падышасы Александр II нин уруксаты менен алар Россиянын курамына өтүшкөн.
1865-жылы 12-февралда Арал деңизинен баштап Ысык-Көл, Теңир-Тоого чейинки аймакты кучагына алган Түркстан областы түзүлүп, анын аскер губернаторлугуна
М.Г.Черняев дайындалган. Ал эми 1867-жылы 11-июлда Жети-Суу жана Сырдарыя областтарынан турган Түркстан генерал-губернаторлугу негизделип, анын генерал-губернатору болуп К.П.фон-Кауфман бекитилген. Россиянын курамына өткөн Кыргызстандын түндүгүнүн басымдуу бөлүгү Жети-Суу областына кошулуп, Токмок жана ЫсыкКөл уезддеринен турса, Талас жана Чаткал Сырдарыя областынын Олуя-Ата уездине киргизилген.
Чүй менен Кеминдеги солто, сарыбагыш уруулары Токмок уездине каратыла, Байтик уезддин начальниги майор Г.С.Загряжскийдин кичи жардамчысы менен болуштук кызматтарына дайындалып, капитан чини ыйгарылган.
Падыша өкмөтү басып алган аймактарына аскердикколониалдык режим орнотуп, жогорку бийлик толугу менен орус төбөлдөрүнө таандык болгон. Жергиликтүү калкты баш көтөртпөй кармап туруу үчүн эбегейсиз чоң жазалоо системасын түзүп, ири аскердик гарнизондору менен казак-орустарды кармашкан. Басып алуу мезгилинде берген кур убадаларын унутушуп, 1865-жылы эле түтүн салыгын киргизген. Жыл өткөн сайын карапайым калкты эзүү, жерин тартып алуу жана жаратылыш байлыктарын талап-тоноо күчөй берген.
Жергиликтүү калктын өкүлдөрү төмөнкү бийликтерге – болуш, айыл башчы, катчы сыяктуу кызматтарга гана тартылган. Ошентип, жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган саясий-административдик түзүлүш Түркстанды падыша өкмөтүнүн метрополиясына айландырууга багытталган.
Россия империясы кубаттуулугун жана өнүккөн мамлекет экендигин даңазалоо, экинчиден, каратылган элдер менен орус коомчулугун тааныштыруу максатында ырааттуу түрдө жергиликтүү калктын таанымал инсандарын падышанын кабыл алуусуна алып барып турган. Биздин оюбузча, бул тууралуу Байтик баатыр Ч.Валихановдон угуп, жүрүш мезгилинде эле М.Г.Черняевге Россияны көргөзүү өтүнүчү менен кайрылса керек. Анткени, 1865жылы Түркстан областы түзүлгөндөн кийин эле анын аскер губернатору болуп дайындалган М.Г.Черняев падыша өкмөтүнөн жергиликтүү элдердин өтүнүчүн эске алып, алардын Россияга баруусуна уруксат сураган. Өтүнүч бийликтин тиешелүү тармактары менен макулдашылгандан кийин, өкүлдөрдүн 1867-жылы Александр II нин кабыл алуусуна келүүгө уруксат берилген. Бул мезгилге карата Түркстан аймагынан жөнөтүлүүчү адамдардын тизмеси такталып, расмий делегациянын курамына жергиликтүү орус башкаруучуларынан жети киши, кыргыз, казак, өзбек элдеринен 10 киши киргизилген. Андан сырткары түпкү калктын ар бир өкүлүнө кызматчы катары жан шерик жигит ала жүрүүгө уруксат берилген.
Өз мезгилинде «Петербург газетасына» басылган маалымат боюнча борбор шаарга жергиликтүү калктын төмөндөгү өкүлдөрү барган: 1) Кара кыргыз уруусун башкаруу кызматындагы Байтик Канаев; 2) Олуя-Атадагы дуулат уруусунун башчысы Кудайберген Баитов; 3) Чимкенттеги дуулат уруу башчысы Момунбек Чойбеков; 4) Чимкент шаарынын казысы Марка Талашбаев; 5) Түркстан шаарынын диний башчысы Насырулла Исхакхожин Шейхислам; 6) Икан кыштагынын аксакалы Суфи Шаихов; 7) Түркстандагы коңурат уруусунун башчысы Конус Тулесов; 8) Перовский чыңдоосундагы казак бийи Ушкелбай Исин; 9) Ташкенттик бек Сеидазим Мухашедбаев; 10) Ташкент раисинин уулу Шанхан Аманмухамедов. «Московские ведомости» газетасында алардын 10 кызматчысы болуп, тамак-ашты өзүлөрүнүн ашпоздору күрүч менен мейизди аянбастан даярдашкандыгы белгиленген.
Тизмеден көрүнүп тургандай жаңы каратылган аймактан Россия империясына барган топтун курамында эки кыргыз – Байтик баатыр жана аты-жөнү орус булактарында белгиленбеген жигити болгон. Бирок, топтун калган мүчөлөрү менен тили, дили жана үрп-адаты тектеш болгондуктан, өз ара жылуу мамиледе, саякаттын ысык-суугун чогуу бөлүшкөндүгү талашсыз. Алар баардык жерде мусулманчылыктын жол-жоболорун ыйык тутуша, намаздарын үзбөй окушкан.
Байтик баатыр узак сапарга аттанаар алдында атажуртундагы элинин батасын алып, болжолу 1866-жылдын аягында жигиттери менен сапарга чыкса керек. Ал Пишпек-Мерке-Олуя-Ата-Чимкент багыты менен жүрүп олтуруп, 1867-жылы январь айынын башында Ташкент шаарына келет. Бул жерге «Түркстандык депутациянын» баардык мүчөлөрү чогулган соң, кышкы ызгаарда казак талаалары аркылуу Оренбург шаарына аттанышып, февраль айынын орто ченинде аталган губерниялык чакан шаарчага жетишкен. Чарчап-чаалыккан жолоочулар шаарда бир жума эс алышып, сапарды андан ары улантуу камын көрүшкөн. Орус жазма булактарында шаар аларды абдан кызыктырганы жана Россия жөнүндө маалымат алууга дилгирлиги белгиленген.
1867-жылы 21-февралда депутациянын мүчөлөрү ар бирине үчтөн ат чегилген 12 орус чанасы менен Оренбургдан чыгышкан. Алар уч-кыйырсыз калың токой менен аппак карга чулганган Россиянын кең талааларында жайгашкан кыштактарды аралай жүрүп, 28-февралда Симбирск шаарына жетишип, мейманканага түнөшкөн. Эртеси кайрадан сапарга чыгышып, жолдогу орус кыштактары менен Арзамас шаары аркылуу 3-мартта Нижний Новгород шаарына жетишкен. Ал жердеги кооз имараттар менен жыл сайын жарманке өтүүчү дүкөндөрдү кыдырышкан түркстандык топтун мүчөлөрү шаарга суктануусун жашырышкан эмес.
Нижний Новгороддон аларды поездге олтургузушкан. Мындай «от арабаны» көрбөгөн саякатчылар бир чети чочулашса, бир чети таңыркай, техниканын бул жетишкендигин «шайтандын иши» катары кабылдашкан. Бирок салт атчан же чана менен жол жүргөнгө караганда мындай унаанын артыкчылыгын тез эле моюндарына алышкан. Алар көп узабай Москва шаарынын темир жол вокзалына келишкен. Эки айга чукул жол жүргөн «Түркстандык депутацияны» Москва дарыясынын жээгиндеги Кокорев мейманканасына жайгаштырышкан. Алар жөнүндө маалыматтар басма сөз беттерине байма-бай жарыяланып, орус коомчулугунун бүйүрүн кызыта, келген меймандар менен жолугууга кызыккандар көп болгон.
Байыркы Москва шаарында толук бир жума болгон Россиянын «жаңы букаралары» шаардын тарыхый-маданий эстеликтери менен кеңири таанышышкан. Эртели-кеч атактуу Тверь көчөсүндө сейилдеше, Арбаттагы сандаган дүкөндөрдөгү түркүн буюмдар менен кийим кечелерди кароодон тажашкан эмес. Аларды шаардын борбордук бөлүгү – Кызыл аянт, Кремль абдан кызыктырган. Бул тууралуу «Московские ведомости» газетасынын 1867-жылдагы № 52 санына «Россиянын, анын шаарларынын көрүнүшү өкүлдөргө зор таасир калтырды, алар … өтө кызыгуу менен Москваны көрүштү, анын заңгыраган тамдары, ыңгайлуу жашоо шарттары аларды таңдандырды. Кремлдин ак сарайларына киргенде ушундай бир толкундоого кабылыша, падыша жашаган турак-жайды тунжурай кыдырышты да, качан гана ак сарайдан чыгышкандан кийин гана өзүлөрүнүн тамшанууларын эркин ортого төгө башташты. Шаар турмушунун түркүн жактары аларды өтө кызыктыргандыктан, котормочуга суроолорду жаадырыша, кызуу пикир алышышты» деп жазылган. Жаңыны билүүгө ынтызар саякатчылар кареталарга түшүп алышып, Москва дарыясын бойлой шаардын чет жакасына чейин барышкан жана ар түрдүү мекемелердин ишин, музей-театрларды суктануу менен көрүшкөн. Ар түрдүү улуттагы элдердин тилине, маданиятына кызыгыша, кездешүүлөрдү текке кетирбей, көп нерселерди билүүгө умтулушкан. Алар Строганов атындагы техникалык сүрөт тартуу окуу жайында болгондо окуучулардын иштерин көрүшүп, ар бири үчтөн сүрөт белекке алышкан. Петербургга кетээрдин алдында алардын урматына Көпөстөр клубунда оюн-шоок кечеси өткөрүлгөн. Бул кечеде түркстандык өкүлдөргө өзгөчө цыгандардын ыр-бийи, көз боочулар жана карта оюну жаккандыгы басма сөздө белгиленген.
Март айынын орто ченинде аталган депутация поезд менен Россия мамлекетинин борбору Санкт-Петербургга келишип, мейманканадан орун алышкан. Аларды баштагыдай эле даярдалган программа боюнча шаар менен кеңири тааныштырышкан. Батыш Европа курулушуна мүнөздүү заңгыраган имараттарды, тарыхый эстеликтерди таңдануу менен талбай кыдырышкан саякатчылар Россия империясынын кубаттуулугуна кадиксиз ынанышкан. Бүгүнкү күндө да дүйнө элдерин суктандырган керемет шаардагы Нева дарыясы, борбордук көчөдөгү театрлары, дүкөндөрү, ар түрдүү мекемелери жана эстеликтери негизинен көчмөн турмушта жашаган саякатчылардын дүйнө таанымын өзгөртө, рухий дүйнөсүн байыткан. Өз кезегинде аларга шаардын коомчулугу да зор көңүл бөлгөн. «Голос» газетасынын 1867-жылдагы № 84-санына «Түркстандык депутаттар бул жерде жашап жатышат жана аябагандай көпчүлүктү кызыктырууда. Аларды жеке кечелерге чакырышууда жана алар мындай чакырууларды дилгирлик менен кабыл алышат. Конокто алар өзүлөрүнө мүнөздүү кадыр-баркын сактай билишип, өтө токтоолугу жана сезимталдыгы менен айырмаланып турушат. Алар сунуш кылынган таттууларды жан-дили менен көп өлчөмдө жешет, суроолорго дилгирлик менен, бирок кыска, так жооп беришет. Петербург аларга унутулгус таасир берди» деп жазышкан. Ал эми «Петербург» газетасынын № 59-санына басылган кабарда «келген депутаттардын баарысынын сабаты бар (мусулманча – А.Б.). Букаралыктар жана кыргыздар диний ырым-жырымдарды катуу кармашат… Ташкенттиктер Россияга келгенден кийин, кыска убакытта орусча сүйлөгөнгө үйрөнүштү. Аларды жапайы деп аташканына карабастан, алар негизинен өтө жөндөмдүү» деген жогорку баа берилген. Бул маалыматтардан көрүнүп тургандай, Борбордук Азиядан барган топтун мүчөлөрү намыстарын бийик кармаша, диний ишенимдерин жана нарктуу каада-салттарын бек кармашкан.
1867-жылы 26-мартта аларды орус падышасы Александр II жан-жөкөрлөрү менен Кышкы сарайдын Алтын залында салтанаттуу түрдө кабыл алган. Император залга киргенден кийин Түркстандан келген өкүлдөрдүн атынан Түркстан шаарынын диний башчысы Насырулла Исхакхожин падышага өз букаралыгына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын жана берилгендигин билдирген куттуктоо катын тапшырган. Кат жергиликтүү чеберлер жасаган азем күмүш табакка салынып, аны менен кошо жибек жана була буюмдарынын үлгүлөрү, ошондой эле алтындан даярдалган жүгөн тартууга берилген. Куттуктоо сөзүн Александр II кунт коюп угуп, келгендерге ыраазычылыгын билдире, ар бири менен кол берип учурашып, тилмеч аркылуу ар бир өкүл жөнүндө кыскача маалымат алган. Орус падышасы мусулман калкынын диний абалы, сооданын өнүгүшү, окуу жайлары сыяктуу кыйла маселелер тууралуу да сурамжылап, меймандардын ар бирине мамлекеттик сыйлык жана өз белегин тапшырган.
Кабыл алуу учурунда көздөрүнөн от жанган нур жүздүү, шыңга бойлуу алп денесине капитан чининдеги аскер кийими жарашкан Байтик баатыр падышанын жана коштоп жүргөндөрдүн купулуна толгону шексиз. Ага падыша өз колу менен III даражадагы Ыйык Станислав орденин жана каухар чөгөрүлгөн алтын шакек тапшырган.
Расмий аземдин аягында падыша өз кызматкерлерине депутаттарга баалуу белектерди берүүнү, Эрмитаж менен Кышкы Сарайды толук көрсөтүүнү буюрган. Ошентип, азыр да саякатчыларды таңдандырган ажайып имараттагы баалуу экспонаттарды көрүү Байтик баатырдын шыбагасына буюрган ырыскы болгон. Жаратылышынан кыраакы, баамчыл жана жаңычыл баатырга бул саякат зор таасир калтыра, дүйнө таанымы кыйла кеңейген.
Борбор шаарда он күндөн ашуун болгон саякатчылар келген жолу менен кайра өз жергесине кайтышкан. Бул сапар болжол менен беш айга созулуп, Байтик баатыр жай айынын башталышында мекенине кайтып келген. Албетте, мындай жер кезүүнүн таасири Байтик баатырды көчмөндөр менен Европа элдеринин жашоосун салыштырууга жана өз элинин тагдыры тууралуу ой толгоого түрткөн. Ал кыргыз элине орус мамлекетинин кубаты, шаарлары, элинин жашоо-турмушу тууралуу далай ирет айтып бергендиги, өзү үлгү көрсөтө турмуш-тиричиликке алгылыктуу жаңы башталыштарды киргизе баштагандыгы элдик оозеки маалыматтарда сакталып калган.
Борбордук Азияда ХIХ кылымдын ортосунда болгон ири саясий окуяларга жана коомдук кескин бурулуштарга жигердүү катышып, Евразия мейкиндигиндеги ар түрдүү элдердин жашоо-шарты менен таанышуу Байтик баатырдын жетик жана алысты көрө билген коомдуксаясий ишмерге айланышына шарт түзгөн. Кичинесинен көчмөн элдердин кылымдар сыноосунан өткөн нарктуу каада-салты менен жазылбаган мыйзамдарын терең өздөштүргөн Байтик баатыр падышачылыктын колонизатордук умтулуусу күч ала баштаган мезгилде кыргыз элинин биримдигин жана бейкут жашоосун сактоого умтулган. Көпчүлүк учурларда уруулаштарынын арасындагы талаштартыш, чырдуу маселелерди сыртка чыгарбай, элдик традицияга таянуу менен адилет чечүүгө аракеттенген. Анын мындай аракеттери алгачкы мезгилде орус бийлиги тарабынан колдоого алынса, бара-бара анын эл арасындагы таасирлүүлүгүн чектөө үчүн ыңгайы келгенде кысмакка алып турушкан. Мындай чектөө жана бөлүп-жаруу ыкмасы жергиликтүү калктын баардык журт башыларына каршы колдонулуп, бийлик кимде экенин көрсөтүп туруу үчүн кеңири пайдаланылган.
1867-жылы кетментөбөлүк чоң манап Рыскулбекке таарынып, Чүйгө баш калкалоого келген саяк уруусунун токмок уругунан чыккан Жусуптун айынан солто менен саяк урууларынын ортосунда араздашуу башталган. Мындай кырдаалда эл ынтымагын сактап калуу үчүн эки бир тууганды жараштырууга барган Байтик баатырга Рыскулбектин жигиттери кол салып, чабышта саяктардан бир киши мерт болсо, солтолордон беш киши жаракат алып, артка кайтышкан. Рыскулбектин жоругуна ыза болгон Байтик солто, саруу, кушчу урууларынан төрт миңге чукул кол топтоп, Таластын башындагы Бешташта турган Рыскулбектин айылын чаап алган. Чабышта эки тараптан тең бир топ адам каза таап, кыйласы жарадар болгон. Алардын ичинде Байтиктин тун уулу жана ишенимдүү жардамчысы Байсал да оор жаракат алган.
Белгилүү тарыхчы А.Хасанов эл оозунан жыйнаган маалымат боюнча чабыштан кийин Байтик Жусуп менен Рыскулбекти элдештирүүгө аракеттенип, «Силер тең туугансыңар, жарашып алгыла» деп айткан экен. Бирок, саяктардын чоң манабы кеп-кеңешке көнбөй, Байтиктин үстүнөн орус бийлигине чагымчыл даттануу жөнөткөн. Катты алган Түркстан областынын сол канатындагы жергиликтүү элдин башкаруучусу штабс-капитан Мединский түшүнүк алуу үчүн Байтикти Олуя-Атага чакыртканда, ал уулу Байсалдын катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу барган эмес. Аны атайын жөнөтүлгөн орус аскерлери алып кетип, июлдун ортосунан тарта Олуя-Атанын түрмөсүнө камалат. 1867-жылдын аягында жаңы түзүлгөн Түркстан генерал-губернаторлугунун абалы менен таанышуу үчүн Верныйга барып, кайра Ташкентке кайтып келе жаткан генерал-губернатор Кауфман Олуя-Атага токтогон. Ал Байтиктин буга чейин орус бийлигине сиңирген эмгеги, бул чөлкөмдөн биринчилерден болуп жыл башында Россиянын борборундагы падышага таазим кылуу салтанатына барып келгендигин, түрмөдө кыйла жатып калгандыгын жана кыргыз-казактардын белдүү адамдарынын бошотуу өтүнүчүн эске алуу менен Байтик баатырды түрмөдөн чыгарган.
Байтик баатырдын кыргыз журтунда кадыр-баркынын өтө жогору экендигин көрө албаган, көз караштары тайкы, ичи тар айрым каршылаштары аны жаманатты кылуу жана кызматтан четтетүү үчүн ар түрдүү кыянат иштерди жасашкан. Алсак, алгач Байтик кокон бийлигине же Кытайга өтүп кеткени жатыптыр деген ушак таратышкан. Ал эми 1868-жылы Байтиктин атынан Кашкардын башкаруучусу Жакыпбекке кат даярдашып, аны амалкөйлүк менен Токмок уездинин начальнигинин колуна тийгизишкен. Катта Байтиктин орустарга каршы көтөрүлүшкө чыгып, Жакыпбек тарапка өтүүнү чечкендиги жазылган эле. Бул жалган каттын негизинде Байтик Токмоктун түрмөсүнө камалат. Бирок, Байтиктин мүнөзүн жакшы билген Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.А.Колпаковский ишти текшерүүдө каттын башкалар тарабынан жазылганын аныктап, Байтикти түрмөдөн бошоткон жана чыныгы күнөөлүүлөрдү жазалоону жергиликтүү төбөлдөргө тапшырган. Ошону менен бирге аны болуштуктан бошотууну сунуш кылган.
Ордуна уулу Байсал болуш болуп дайындалганына карабастан Байтик өмүрүнүн акырына чейин коомдуксаясий окуялардан четте калган эмес. Кыргыз элинин биримдигин сактоо жана келечеги үчүн кам көрүү анын башкы максаты болуп кала берген. Ал үчүн жыл сайын өтүүчү кыргыздардын топторуна, түйүндүү маселелер талкуулануучу аш-тойлорго үзгүлтүксүз катышып, өзүнүн орундуу сөзү, адилет чечими, калыстыгы менен көчмөн элдин урматына татыган. Байтик баатыр ондогон орус төбөлдөрү, казак, өзбек элдеринин мыктылары менен да карым-катнашын үзгөн эмес. Айрыкча, канатташ жашаган казактардын бийлери менен тыгыз байланышта болуп, эки элдин ынтымагын чыңдоого аракеттенген. Чүй бооруна азып-тозуп, ар түрдүү себептер менен көчүп келгендерди канатына калкалай, колунан келген жардамын көрсөткөн. Пайгамбар жашынан өткөнчө ат үстүнөн түшпөй, кыргыз жергеси эле эмес, Верный, Олуя-Ата, Чимкент, Ташкент шаарларына чейин жигиттери менен барып турган.
Анын өмүрүндөгү урунттуу окуялардын бири Мекке, Мединага ажылыкка барып келиши болуп саналат. Ар түрдүү оозеки маалыматтарды салыштыруу, Байтиктин мусулмандардын ыйык жерине сыйынууга барышы 1870-жылдардын айланасында болгонун көрсөтүп турат. Бул жөнүндө А.Такырбашев «Сары-Өзөн Чүй санжырасы» деген эмгегинде «баатыр абактан чыккандан кийин, кайра бийликке умтулган жок. Аз тыныгып, ак падышадан уруксат алып, ажыга барып келүүнү чечти» деп жазса, Кыргыз илимдер улуттук академиясынын кол жазмалар фондусундагы Байтикке арналган кошокто «айтамганын Байтиги, ак калпактуу кыргыздын, алтындай болгон түркүгү, ошол ажы атам өткөн дүйнө ушул» деп жазылган. Каабанын кара ташына сыйынып, мусулманчылык парзын аткарган Байтиктин дили тазара, исламдын адам баласын сүйүүгө багытталган жоболорун ыйык туткан. Бул ойду кыргыз-казак элинин чоң акыны Жөжөнүн төмөнкү ыр саптары айкын күбөлөп турат:
«Журт таппаган акылды Байтик табаар, Төрт бурчунан дүйнөнүн алды кабар.
Карып-касыр кысылып кысаң тартса, «Баатыр Байтик кайда?» деп сизге чабар. … Кудай берген ыймандуу бир кишисиң, Медресе менен мечитке жакын болдуң».
Ошентип, өз мезгилинде Борбордук Азия, Россия, араб өлкөлөрүндөгү элдердин жашоо-турмушу менен таанышкан Байтик баатыр элинин келечеги үчүн керектүү жана жөрөлгөлүү жаңылыктарды өз жергесине жайылтууга аракеттенген.
Бүгүнкү күндө Байтик айылында жашаган Өмөр уулу Эсенбайдын маалыматы боюнча анын чоң атасы Абдраманды 1862-жылы Байтик баатыр Олуя-Атадагы досу Токсонбайдан сурап келген. Абдраман Кокондо төрөлүп, ата-энеси каза болгондон кийин таекеси Токсонбайдын колунда тарбияланып, ал жерде наабайчылык жана дыйканчылык кылчу экен. Анын эмгекчилдигин байкаган Байтик «бак-шак, алма-өрүк, коон-дарбыз өстүргөндү билген балаңды бер» деп Чүйгө ала келип, уулу Байсалдан кем көрбөй, бой жеткенде инилеринин бири Калчанын кызын алып берген. Абдраман Байтиктин конушуна, европалык үлгүдө салдырган тамынын айланасына мөмө-жемиш багын тигип, жашылча-жемиштерди жана эгин өстүргөн. Ошентип, Байтик баатыр көчмөндүктөн отурукташкан турмушка өтүүгө алгачкылардан болуп чыйыр салган. Анын кеңеши менен иниси Аман, уулу Байсал Басбөлтөктүн чыгыш капталындагы Ала-Арча суусун бойлото бак-дарак тигишип, там салышкан.
Байтик баатырдын жергесине киргизген прогрессивдүү жаңылыктары ага арналган кошокто төмөндөгүдөй берилген: «Он жылдан тартып бактырган, Багың калды ажы атам. Айнектүү үйдө жактырган, Шамың калды ажы атам. Ай төгөрөк саз калды, Асыранды каз калды». Бул саптардан көрүнүп тургандай Байтик орустардын таасири менен канаттууларды да бактыра баштаса керек. Айрым маалыматтар боюнча өрөөндө арыктарды чаптырып, тегирмен да салдырган экен. Өз балдарын, агасы Бошкойдун уулу Өзүбекти чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө, заман талабына ылайык билим алууга жана соода жүргүзүүгө чакырган.
Дүйнө таанымы кең Байтик баатыр кыргыз элинин рухий маданиятын сактоого, өнүктүрүүгө жана жаштардын билим алуусуна шарт түзүүгө аракеттенген. Ал акылман карыларды, сөз баркын билген чечендерди, ак таңдай акындар менен эл шайырларын, билимдүү адамдарды ар убак кадырлай, алардан кеп-кеңеш алып турган. Мисалы, манасчы Балыкооз сыр чечишээр жан шериги болсо, Сары молдо санжырасын жазып, баардык иш кагаздарын тейлеген. Ажылыкка барып келгенден кийин мечит салдырып, медресе ачтыргандыгы, ал жерге билимдүү мугалимдерди чакыртып, жаштарды окуткандыгы тууралуу да эл оозунда сакталган аңыз кептер арбын. Андан сырткары өрөөндөн чыккан зээндүү балдардын Пишпек, Верный, Ташкент шаарларындагы окуу жайларынан билим алуусун колдоого алган. Өзү өмүрүнүн акырына чейин мусулманчылыктын жол-жоболорун бекем тута, беш маал намазын үзбөй окуп, эл-журтун ыймандуулукка жана ынтымакка үндөгөн.
Тарыхый маалыматтар боюнча Байтик баатыр 1886жылы 5-мартта Акчийде каза болгон. Уулу Байсал башында турган бала-бакыралары, урук-туугандары атасынын дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу кабарды жалпы кыргыз элине бердиришип, ата-бабадан калган салт менен сөөгүн урматтап жерге жашырышкан. Ошол эле жылы күз айларында баатырдын балдары атасынын кара ашын беришип, ага аягы Таластан, башы Көл, Теңир-Тоого чейинки кыргыз-казактар, орус бийлигинин өкүлдөрү келишкен. Аштын баардык ырым-жырымдары – кошок кошуу, улуттук оюндар, жар чакыртуу, конок күтүү каадалары толук аткарылган. Элдик оозеки маалыматтар боюнча, акыркы күнү ат чабыш өтүп, анда баатырдын Керкашка күлүгү баш байгени жеңип алган.
Аларча суусунун башаты башталган ак мөңгүлүү тоонун түндүгүндөгү өрөөндүн этегинде жайгашкан басбөлтөктөгү баатырдын мүрзөсүнө эли-журту заңгыраган күмбөз тургузушкан. Бышкан кирпичтен, сегиз кырлуу кылып салынган эстелик сырткы көрүнүшү жагынан Көр Эмирдин Самарканддагы күмбөзүнө окшошуп кетет. Андыктан күмбөз өзбек усталары тарабынан салынган деп болжолдоого болот. Күмбөздүн сырткы диаметри 5,5 м, жактарынын бийиктиги 4,6 м, керегесинин калыңдыгы 78 см. ди түзөт. А.Такырбашевдин эл оозунан жыйган маалыматтары боюнча, күмбөздүн кире беришинде барган адамдар куран окутуучу чоң бөлмө, керегесинде ар түрдүү жазуулар болгон экен. Коллективдештирүү мезгилинде отурукташкан элдер ал бөлмөнү бузушуп, кирпичтерин меш салуу үчүн алып кетишкен. Күмбөз жогоруда белгиленгендей тарыхый-маданий эстелик катары коргоого алынып, баатырдын 175 жылдык мааракесин белгилөөнүн алдында оңдолуп, түздөлгөн. Алдыда ал жерге мемориалдык комплекс-музей, мечит куруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы менен урпактары тарабынан пландаштырылып жатат.
Урпактары демекчи, санжырадагы маалыматтар боюнча баатырдын Байсал, Ташмат, Абдрахман, Сулайманкул, Аман, Осмонаалы, Сыдык деген жети уулу болгон. Совет доорундагы партиялык-тоталитардык режимдин мезгилинде Байтик баатырдын балдары, небере-чөбөрөлөрү «эзүүчү таптын өкүлдөрү» катары аёосуз куугунга алына, туш-туш жакка таратылган. Куугунтуктан аман калган урук-туугандары азыркы мезгилде негизинен Байтик, Таш-Дөбө айылдарында турушат.
Советтик мезгилде жогорку билим алышып, мамлекеттик кызматтарда, билим берүү, искусство сыяктуу көптөгөн тармактарда ак ниет жана үзүрлүү эмгектенишкен урпактары арбын. Алардын өрнөктүү өмүр жолдору өз алдынча изилдөөгө арзыйт.
Ошентсе да Байтик баатырдын көрүнүктүү тарыхый инсан, чыгаан коомдук-саясий ишмер катары тарых барактарынан татыктуу орун алуусуна эгемендик алгандан бери белсене киришип, талбай эмгектенип жаткан эки чөбөрөсү – Кожокматов Жамалбек Кушубакович менен Түмөнбаев Эмил Кушубакович тууралуу азыноолак баяндоону ылайык көрдүк.
Санжыра боюнча Байтиктин уулу Сулайманкулдун баласы Кожокматтын тогуз баласынын бири Кушубактын жети перзенти бар. Алардын арасында биз сөз кылып жаткан Жамалбек менен Эмил бир тууган болгонуна карабастан, куугунтуктоо мезгилиндеги шарттарга жараша эки фамилияга өтүп кетишкен.
Жамалбек 1995-жылдары «Байтик-Ата» фондун негиздеп, даңазалуу инсандын мурастарын эл оозунан топтоо, кеңири коомчулукка жеткирүү багытында тынымсыз иш жүргүзүп келе жатса, Эмил «Автотрансстрой» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, белдүү ишкер катары материалдык жардам көрсөтүп келет. 1996-жылы Байтик баатырдын 175 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн иш чараларга жигердүү катышышып, атайын журналгазетанын эки санын чыгарышкан. Бүгүнкү күндө алар Байтик баатырдын 185 жылдыгына карата өз иш пландарын иштеп чыгышып, алардын үстүндө күжүрмөндүк менен иштеп жатышат. Биз мындай урпактарына ыраазычылык билдирүү менен бекем ден-соолук, бакты-таалай жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.
Т.ЧОРОТЕГИН
ИСТОРИОГРАФИЯ ПОСТ-СОВЕТСКОГО КЫРГЫЗСТАНА
Введение
Первые сведения о кыргызах относятся к древнекитайским историческим хроникам, начиная с трудов Сыма Цяна. Бань Гу и т.д. Однако, вплоть до конца Х1Х века не известно о собственно кыргызских историках, описавших историю своего этноса. Конечно, были сказители и писатели генеалогических преданий, которые в основном опирались на фольклорное наследие. Поэтому история кыргызов черпалась лишь в разноязычных (на китайском, арабском, персидском, греческом, тюркских, монгольских, русском и т.д. языках) исторических источниках и хрониках. Первые попытки публикации истории кыргызов усилиями собственно кыргызов относятся к началу ХХ века, когда под влиянием джадидистов ряд кыргызских ученых опубликовали свои книги в Казани, Уфе и Оренбурге. Так появились публикации историка Осмоналы Сыдык уулу в 1913 и 1915 гг. Именем академика В.В.Бартольда берет начало систематическое и фундаментальное исследование истории кыргызов (1927) (Бартольд В.В. Киргизы: Исторический очерк // Сочинения. – М., 1963. – Т.2. – 4.1. – С. 471–543.). Но это уже относится к эпохе, называемой советской историографией (правда, сам В.В.Бартольд, корифей русской ориенталистики начала ХХ века, никогда не относился к большевистской методологической школе).
Советская историческая наука стала школой систематизированной политизации и фальсификации истории в угоду не только коммунистической теории, но и в угоду основного этноса Советского Союза – русских. Тем не менее, благодаря данной школе в Кыргызстане зародились первые очаги исследовательских учреждений по истории, археологии, музееведении, архивоведении, реставрации архитектурных наследий. Проводились кыргызоведческие широкомасштабные исследования, которые влились в коллективные монографии по истории Кыргызстана с древнейших времен до наших дней. К концу 1991 года, когда окончательно распалась Советская держава, в Кыргызстане фактически имелся сильный отряд собственных исследователей истории.
Тем не менее, следует отметить, что идет сильная трансформация старой исторической школы Кыргызстана. Данная статья посвящена изучению основных противоречий между старой советской исторической школой и настоящими разнообразными направлениями современных кыргызских историков, разделенных на разные методологические ветви.
Основное внимание уделяется на такие вопросы, как:
- формационный подход в описании истории;
- этапы этнической истории кыргызов;
- государственная история кыргызов;
- вопрос о русском колониализме;
- исторические личности кыргызов, запрещенные ранее для изучения;
- письменная культура кыргызов;
- источниковедение;
- о юбилеях эпоса «Манас» (1995) и города Ош (2000); – археология.
ОСНОВНАЯ ЧАСТЬ Формационный подход в описании истории
В советской историографии довлела марксистская теория о пяти основных закономерных формациях. Основанная на дарвинистской теории происхождения жизни на земле, данная теория предлагала следующие стройные этапы развития человечества от древнейшего состояния дикаря к современному и будущему обществу: 1) первобытно-общинный строй; 2) рабовладельческий строй; 3) феодальный строй; 4) капитализм; 5) коммунизм (состоит из двух стадий: а) социализм; и б) коммунизм).
Первобытно-общинный строй и вторая стадия коммунистического строя считались бесклассовыми обществами. Рабовладельческий строй, феодальный строй и капитализм назывались эпохами владычества эксплуатирую щих классов (рабовладельцев, феодалов, буржуа). Социализм (первая стадия коммунизма) был переходным этапом к бесклассовому обществу, поэтому при данном этапе диктатура пролетариата (имелась в виду диктатура эпохи Ленина и Сталина) была «оправдана» исторической миссией класса пролетариата по уничтожению обществ, разделенных на классы эксплуататоров и эксплуатируемых.
В СССР в том числе и в Кыргызстане, все книги по истории, все учебники должны были написаны в русле такой теории. Кстати, не находя исторических подкреплений о рабовладельческом этапе в истории славян и тюркских и монгольских народов, в советской историографии выработали теорию о том, что ряд народов может перейти непосредственно от первобытно-общинного строя к феодализму, а также от феодализма к социализму (минуя, в первом случае, рабовладельческий строй, во втором случае, капиталистический строй). Так теоретически подбодрялись восточные народы при их притягиванию в политический режим коммунистов.
«Только марксистско-ленинское понимание истории дает возможность подлинно-научного, всестороннего изучения исторического процесса во всей совокупности его экономических, социальных, национальных, культурных факторов» – так пишется в четвертом, новом издании «Истории Киргизской ССР» (том первый, 1984, с. 7).
Кыргызская Республика, отличающаяся от других пост-советских республик Средней Азии более демократическими преобразованиями и фактическим отсутствием цензуры в официальной или скрытной форме, стала действительным полем действий разных пост-советских идеологических направлений. Есть политическая партия коммунистов Кыргызстана, до сих пор считающая марксизм-ленинизм единственно верной теорией. Однако, есть и такие организации, как Общество историков Кыргызстана (бывшая анти-коммунистическая Ассоциация молодых историков Кыргызстана, созданная 3 июня 1989 г., но официально зарегистрированная лишь после распада ССССР, в условиях независимости – 17 июля 1992 г. Министерством юстиции), которые своей целью считают пересмотрение всех бывших идеологических штампов большевиков в исторической науке. Появились и работы других историков, не связанных с этой организацией, по поводу пересмотра квинтэссенции большевистской исторической теории.
Так, авторы коллективного труда «История Кыргызстана с древнейших времен до конца ХIХ века», опубликованного по программе Фонда «Сорос-Кыргызстан», пишут: «С течением времени аргументы историков-марксистов были поколеблены под напором фактов и исторических явлений. Три кита – историческая необходимость как выражение объективных законов развития человечества, определяющая роль бытия по отношению к сознанию, роль собственности как основной политической и экономической категории исторического процесса, – на которых держалось марксистско-ленинское понимание истории, постепенно уходят в прошлое» (История Кыргызстана с древнейших времен до конца XIX века: Учебник для вузов / Авторский коллектив: У.Чотонов, А.Бедельбаев, О.Ка раев, Т.Кененсариев и др. – Бишкек: Илим, 1995. – 368 с. (Фонд «Сорос-Кыргызстан»). – С. 4; Койчуев Т., Брудный А. Независимый Кыргызстан: Третий путь. – Б., 1993. – С. 43).
Тем не менее, следует отметить, что отвергая марксистско-ленинскую теорию о цельности и стадиальном развитии человеческого общества по пути к закономерному будущему – коммунистическому обществу, в то же время историки Кыргызстана, включая и «ревизионистов» из рядов Общества историков Кыргызстана, полностью не отрицали разделение истории человечества по их стадиям. До сих пор пишут о первобытно-общинном, рабовладельческом, феодальном, капиталистическом, социалистическом строях.
В отличие от советских штампов о том, что в древности в оазисах Средней Азии существовали рабовладельческие государства, кыргызские историки пишут, что общество древнего государства Паргана (Давань), включавшего некоторые районы Кыргызстана, Узбекистана и Таджикистана в Ферганской долине, не было рабовладельческим, а было лишь раннеклассовым, раннефеодальным обществом, где преобладающую роль в производстве играл труд свободного общинника, а не раба (История кыргызов и Кыргызстана:
Учебное пособие для вузов: Отв. ред. Т.К.Койчуев. – Б., 1998. – С. 32; Чоротегин Т.К. Өмүр беков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы – 6-класс. – Б., 1997. – Б. 81).
Нынешнее транзитное (переходное от социализма) общество называется у них по-разному: капиталистическим, не-социалистическим и т.д. Есть и выражение «третий путь развития (помимо капиталистического и социалистического» (см.: История кыргызов и Кыргызстана: Учебное пособие для вузов: Отв. ред Т.К.Койчуев. – Б., 1998. – С. 9).
С одной стороны, одни и те же историки-академики остро критикуют формационный марксистский подход в описании истории, с другой – заявляют: «Однако, не все положения марксизма безнадежно устарели, некоторые из них все же остаются верными и методологически оправданными» (История кыргызов и Кыргызстана: Учебное пособие для вузов: Отв. ред Т.К.Койчуев. – Б., 1998. – С. 8), имея в виду принцип историзма (т.е. принцип строгого следования историческим фактам без домыслов, т.е. принцип, который существовал еще до марксизма). Такое двойственное отношение к проблемам наблюдается в рассмотрении почти всех основных исторических проблем, требующих какого-либо методологического подхода.
В целом, в пост-советской кыргызской историографии реликты формационного подхода в описании истории сохраняются в почти каждой серьезной монографии, но абсолютное большинство из них уже не копирует старую коммунистическую схему о пяти обязательных стадиях формационного развития человечества.
2) Этапы этнической истории кыргызов
В кыргызской советской историографии данная проблема также была сильно политизирована и была под влиянием советской этнологической теории об этносах. Согласно этой теории, к эпохе первобытно-общинного строя относятся роды и племена, племенные объединения, к эпохе рабовладельческого строя и феодализма – народ, к эпохе капитализма – капиталистическая нация, социализма – социалистическая нация. Все человечество при коммунизме полностью решит все национальные проблемы и происходит отмирание наций – их слияние.
Те народы, которые имели стройные родо-племенные структуры в своем составе и сохранили их вплоть до начала ХХ века, назывались народами с родо-племенными патриархальными пережитками. Кыргызы (имеется в виду кыргызы собственно Кыргызстана, исключая их группы в Китае, Афганистане, Турции и т.д.) считались социалистической нацией с конца 30-х годов. Считалось что они миновали стадию, называемую «капиталистической нацией».
В русском языке существуют два слова – «народ» и «нация». Второе из них, приобретенное от «национ», в советской официальной этнографии использовалось только для обозначения этносов эпохи капитализма и социализма. Народ, значит, был ниже по степени этнического развития, чем нация. Усилить более низкое состояние некоторых малых народов, употреблялся по их отношению термин «народность». Например, средневековые русские были для советских этнографов «народом», а ряд сибирских малых по своей численности этносов – «народностями».
Этот штамп господствовал и в кыргызской советской историографии. К конце 80-х – начале 90-х годов члены Ассоциации молодых историков Кыргызстана провели ряд дискуссий по этому поводу и предлагали отказаться от понимания этноса в связи с формационным подходом. Одним из важных факторов, подтолкнувших к подобной дискуссии, было отмечание 75-летия Национально-освободительного восстания кыргызов в июле-августе 1916 года против царской России. Историки-коммунисты тех лет Ж.Жунушалиев и К.Токтомушев (впоследствии и они изменили своих взглядов) поддержали официальную точку зрения лидеров Коммунистической партии Кыргызстана, которые были в сомнении «прогрессивности» данного восстания. Тогда коммунисты-историки пустили в ход свои теоретические постулаты о том, что кыргызы до 1936 года (т.е. до принятия сталинистской Конституции) не были нацией, поэтому нельзя это восстание называть «национально-освободительным».
Их оппоненты не приняли эту концепцию, считая, что слова «народ» и «нация» фактически являются синонимами, а значит, кыргызы, невзирая на формационный характер их общества, являются нацией. Таким и были они еще до социалистического режима (О спорах вокруг истории восстания 1916 года // Res publica. – 1992. – № 12. – 27 марта; Чоротегин Т.К. Көтөрүлүш улуттукпу, элдикпи? – Кыргызстан маданияты. – 1991. – 2-май.).
В постсоветской историографии существует двоякое мнение по поводу этнического развития кыргызов. Так, авторы, представляющие школу «старой закалки», до сих пор полагают, что «до 1917 года у кыргызов… не было нации, была лишь народность с феодально-родовой структурой расселения…» (История кыргызов и Кыргызстана: Учебное пособие для вузов: Отв. ред Т.К.Койчуев. – Б., 1998. – С. 3). В книге другого авторского коллектива шестая глава так и называется: «Образование кыргызской народности» (автор главы – проф. О.К.Караев, руководитель авторской группы – У.Чотонов, бывший главный редактор журнала «Коммунист Кыргызстана»), т.е. под умаляющим термином «народность» подспудно принимается теория эпохи советской этнографии (История Кыргызстана с древнейших времен до конца XIX века: Учебник для вузов / Авторский коллектив: У.Чотонов, А.Бедельбаев, О.Караев, Т.Кененсариев и др. – Бишкек: Илим, 1995. – 368 с. (Фонд «Сорос-Кыргызстан»).).
Одной из новых пост-советских положений об этническом развитии кыргызов является отрицание искусственного терминологического деления «народ», «народность» и «нация». Кыргызы являются народом с древними историческими корнями. Впервые их этноним отмечается в связи с событиями в Центральной Азии в 201 г. до н.э. В то же время кыргызы в своем этническом развитии вобрали в себе ряд компонентов из числа своих исторических соседей (хунну, усуни, саки, тюргеши, огузы, карлуки, кыпчаки, уйгуры, кара-китаи, монголоязычные этносы, тюркизированные согдийцы, и т.д.). Особенно об этом подчеркивалось во время специальной конференции, посвященной изучению этногенеза кыргызского народа (Кыргызы: Этногенетич. и этнокульт. процессы в древности и средневековье в Центральной Азии: Материалы Междунар. науч. конф., посвящ. 1000-летию эпоса «Манас». 22-24 сент. 1994 г., г. Бишкек. – Бишкек: Кыргызстан, 1996.).
Не только теоретические аспекты, но и ряд этапов этнической истории кыргызов пересматривались в годы независимости Кыргызстана. Так, в советской историографии Кыргызстана было официально закреплено положение о том, что «енисейские кыргызы не являются прямыми и непосредственными предками кыргызского народа» (История Кыр.ССР. – 1983. – Т.1. – С. 50). Теория о почти автохтонном характере кыргызов и их предков, издавна населявших Тянь-Шань (Тенгри-Тоо), довлеет над этим положением.
Из-за такого официального подхода не было организовано ни одной археологической экспедиции кыргызских ученых на территории Южной Сибири и Алтая, ученые, изучавшие на свой риск проблемы истории средневековых енисейских кыргызов (О.Караев, А.Арзыматов, А.Абдыкалыков и др.) были отчуждены. А.Абдыкалыков был отправлен на пенсию раньше времени. Синологу Г.П.Супруненко, подготовившему ряд работ по истории енисейских кыргызов раннего средневековья, пришлось менять тему исследований в 80-х годах.
В пост-советской историографии енисейский этап истории кыргызов включен фактически во все издания по средневековой истории кыргызов. Однако, здесь существует два разных взгляда. По одному из них – издревле кыргызы обитали на территории Енисея (Южная Сибирь) и соприкасающих с ними районов, т.е. древней Родиной кыргызов по их мнению является регион Южной Сибири и Западной Монголии (История кыргызов и Кыргызстана: Учебное пособие для вузов: Отв. ред Т.К.Койчуев. – Б., 1998. – С. 3).
По другой концепции, которая все больше распространяется среди пост-советских историков Кыргызстана, древние кыргызы, жившие в эпоху великой центральноазиатской державы хунну, обитали в районе Восточного Тенгри-Тоо (Притяньшанья), а на Енисей были вынуждены мигрировать в пятом веке н.э. под давлением жуань-жуаней на востоке и эфталитов на западе (как раз в то же самое время тюрки-ашина мигрировали из Восточного Туркестана на Алтай). Это положение, особо защищаемое новосибирским кыргызоведом-археологом, почетным членом Общества историков Кыргызстана, включено и в последний учебник по истории Кыргызстана (Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии: Отв. ред. Т.К.Чоротегин. – Б., 1995. – С. 48–58; Чоротегин Т.К. Тенгир-Тоо (Притяньшанье) Кыргызы: Этногенетич. и этнокульт. процессы в древности и средневековье в Центральной Азии: Материалы Междунар. науч. конф., посвящ. 1000-летию эпоса «Манас». 22–24 сент. 1994 г., г. Бишкек. – Бишкек: Кыргызстан, 1996. – С. 204–209; Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын… 6-класс. – 1997. – Б. 110–115). Тем самым и собственно история енисейских кыргызов являет ся не началом, а продолжением динамичной истории кыргызского этноса, мигрировавшего в рамках огромного региона Центральной Азии и Южной Сибири.
Особо бурную дискуссию породила проблема о том, когда же енисейские кыргызы обратно переселялись из Енисея на Тенгри-Тоо. В кыргызской советской последней официальной монографии закрепилась мысль о том, что не собственно кыргызы переселились из Енисея, а мигрировало лишь их название «кыргыз». Поэтому даже было предложено употреблять термин «кыргыз» – до середины ХV века, а с того времени – термин «киргиз» (Ист. Кирг. ССР. – 1984. – С. 423–431) (конечно, это можно было использовать лишь в русскоязычной литературе, а на кыргызском языке невозможно было использовать термин «киргиз»).
Ряд авторов, подготовившие подобную исскусственную схему, ныне чуть изменили свою позицию, теперь употребляют единственный термин «кыргыз» и на русском языке. Но они продолжают считать, что нынешние кыргызы – потомки не енисейских, а алтайских кыргызов, которые образовали кыргызскую «народность» на Тянь-Шане лишь в ХV – нач. ХVI века (Ист. кыргызов и Кыргызстана: под ред. Т.Койчуева. – 1998. – С. 84–85).
Другие авторы (О.К.Караев, Ю.С.Худяков, К.Табалдиев, О.Каратаев, А.Кылычев, М.Кожобеков, А.Турдуева, и др.) полагают, что обратное переселение кыргызов с Енисея на Тенгри-Тоо осуществилось несколькими этапами в течение IХ–ХIII веков (См.: Кыргызы: Этногенетич. и этнокульт. процессы в древности и средневековье в Центральной Азии: Материалы Междунар. науч. конф., посвящ. 1000-летию эпоса «Манас». 22–24 сент. 1994 г., г. Бишкек. – Бишкек: Кыргызстан, 1996; Худяков Ю.С. Кыргызы на Енисее. – Новосибирск, 1986; Он же. Кыргызы на просторах Азии; Вопросы этнической истории киргизского народа. – Фрунзе, 1989;). Это же было зафиксировано в новом учебнике для 7 класса (Чоротегин Т.К. Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын… 7-класс. – Б., 1998. – Б. 42–57). Впервые в данном учебнике включены как часть общей истории кыргызов история фуюйских (маньчжурских) кыргызов, позднесредневековых сибирских и восточнотуркестанских кыргызов.
Проблема этногенеза кыргызов и проблема использования терминов «этнос», «народ» и «нация» дискутируется в Кыргызстане очень часто. Так, это было обсуждено и во время защиты докторских диссертаций 9 и 10 апреля 1998 в Спецсовете по защите диссертаций при Институте истории Национальной Академии наук Кыргызстана. Но, к сожалению, пока нет специальной монографии, посвященной данной проблеме. (Следует отметить, что О.К.Каратаев защитил кандидатскую диссертацию о кыргызских этнонимах на стыке ономастики и этнологии (См.: Каратаев O.K. Кыргыз этнонимиясы (тарыхый-лингвистикалык изилдөө): Тарых ил. канд. … дисс. авторефераты. – Бишкек, 1994. – 20 б.).
История кыргызской государственности
Данная проблема также связана с переосмыслением роли и места этносов, которые входили в состав прежней царской России и Советского Союза. Центральным вопросом так называемой «общесоюзной общесоветской» истории всегда был вопрос русской истории, поэтому в советское время кыргызстанские учащиеся прекрасно были ознакомлены фактами и событиями русской истории, а изучение истории Кыргызстана как особого предмета не было включено в официальную программу советской средней общеобразовательной школы. В 1989 г. было опубликовано «Тематическое планирование истории Кыргызстана», однако эти часы имели факультативный характер, они не были обязательны для преподавания в средних школах.
Концепция государственности в кыргызской советской историографии было связано с идеей о том, что лишь благодаря ленинской национальной политике СССР была создана государственность кыргызов в формах национальной автономии (Кара-Кыргызская автономная область – 14 октября 1924 г. (через семь месяцев, 25 мая 1925 г., она была переименована в Кыргызскую автономную область, слово «кара» – «черное», «обильное», «могучее», «многочисленное» было опущено, так как кыргызы себя никогда не называли с этим адъективом), преобразованной в Кыргызскую Автономную Советскую Социалистическую Республику в составе Российской Федерации (1 февраля 1926 г.), которая также была преобразована в союзную республику – Кыргызскую Советскую Социалистическую Республику в составе СССР (5 декабря 1936 г.). Это означает, что они не признали истории кыргызских государств до коммунистического режима.
В 90-е годы, после независимости Кыргызстана (Кыргызстан объявил о своей государственной независимости 31 августа 1991 г., еще до окончательного развала СССР), разработка проблемы изучения истории государственности стала одной из приоритетных задач. Она имела и политическое значение, так как нужно было исследовать досоветские корни кыргызской государственности.
Очень примечательно, что одни и те же историки могли написать самое противоположное в последних своих изданиях. Так, в коллективном учебнике, подготовленном редколлегией в составе академика Т.К.Койчуева (тогдашнего президента Национальной академии наук, ответственного редактора данного учебника), член-корреспондента С.С.Даниярова и академика В.М.Плоских, имеется «Введение», где написано: «до 1917 года у кыргызов не было государства» (История кыргызов и Кыргызстана: отв. ред. Т.К.Койчуев. – 1998. – С.З). В другой же книге, озаглавленной «У истоков кыргызской национальной государственности», есть «Введение», написанное в соавторстве Т.К.Койчуевым, В.М.Плоских и Т.Усубалиевым (он был руководителем Компартии Кыргызстана около четверти века, ныне – депутат парламента), где утверждается: «древние кыргызы создали свое первое государство одновременно с первой тюркоязычной империей гуннов» (У истоков кыргызской национальной государственности: Ред. Т.К. Койчуев, В.М.Плоских, Т.У.Усубалиев. – Б.:Илим, 1996. – С. 4).
Отведение древних истоков кыргызской государственности к эпохе хунну стало новой концепцией кыргызской историографии. Государство древних кыргызов находилось на территории Восточного Тенгри-Тоо, в районе севернее хребта Боро-Хоро и западнее пустыни Дзосотын-Элисун (Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – 1995. – С. 54; Боровкова Л.A. Запад Центральной Азии во II в. до н.э. – VII в. н.э. – М., 1989. – С. 61–62. Также см.: Чоротегин Т.К. Об истоках кыргызской государственности: Эхо событий. – 1995. – № 3 (13). – 27 января – 2 февраля.).
Другая концепция, дополняющая предыдущее и не принятая в советской историографии, является господствующей в современной турецкой историографии, она и приобретена и кыргызскими современными историками. Это – концепция о государстве хунну как общем государстве всех тюркоязычных народов Евразии (См.: Чоротегин Т., Өмүрбеков Т. Хунну доору // Эл агартуу. – 1994. – № 1–4. – Б. 10–20; Чоротегин Т.К.,Өмүрбектегин Т.Н. Хунну доорундагы бабаларыбыз // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, өнөр / Түзгөн К.Жусупов. – Бишкек: «Кыргызстан-Сорос» фонду, 1995. – 3-китеп. – Б. 251–335; Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин): Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөн баев, Ө.Караев. – Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1997).
Однако, также существует концепция и о том, что «государственность кыргызов возникла в VI в. н.э.» (Малабаев Дж.М. История государственности Кыргызстана. — Бишкек: Илим, 1997.– С. 3). Эта концепция связана лишь с историей государства енисейских кыргызов и не учитывает материалов древних китайских письменных источников о кыргызах. Однако, следует отметить, что данный автор, в советское время исследовавший лишь проблемы истории Кыргызстана ХХ века, далее пишет, что государственность кыргызов берет начало с Усуньского племенного объединения (так!) и что «истинное народное имя усуней, по мнению Н.А.Аристова, было всегда кыргыз» (Там же. С. 9 и 10). По мнению данного автора, кыргызы утратили свою государственность в ХII веке (Там же. – 29), но он ничем не связывает данное утверждение.
В истории же известно, что кыргызы восстановили свою государственность (Кыргызский каганат) на Енисее в VI в., периодически подпадали под зависимость орхонских каганатов восточных тюрков. В 840 г. они разгромили Уйгурский каганат на Орхоне и завоевали огромные пространства Внутренней Азии (Южная Сибирь, Алтай, Монголия, районы Восточного Туркестана). Их государство того времени, названное академиком В.В.Бартольдом «Кыргызским великодержавием», в первой четверти Х века раздробилось. Те маленькие кыргызские государства на территории Южной Сибири и северо-западной Монголии, существовавшие до начала ХIII века, подпали под зависимость Чынгыз-хана в 1206 г.
Эти общеизвестные страницы истории Кыргызского каганата были обойдены вниманием в последнем издании «Истории Киргизской ССР» (1984) из-за идеологических предрассудков. Теперь почти все книги и статьи, посвященные средневековой истории кыргызов, обязательно напомнят об этих фактах и событиях. Недавно защищена кандидатская диссертация М.Ч.Кожобекова по истории енисейских кыргызов (Кожобеков М.Ч. Орто кылымдардагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын негизги өнүгүү баскычтары (V–X кк.): Тарых илим. канд. … дисс. авторефераты. – Бишкек, 1997. – 23 б.).
О кыргызах, живших в эпоху государств Тенгри-Тоо в ХIII–ХVIII вв., появились работы кыргызских историков, в том числе монография профессора О.К.Караева (Караев О.К. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. – Б., 1995), кандидатские диссертации А.Кылычева (Кылычев А. XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоонун этносаясий тарыхы (айрым фарс булактары боюнча): Тарых ил. канд. … дисс. авторефераты. – Бишкек, 1995. –- 22 б.), Т.Машрапова (по персидским источникам), Т.Бейшеналиева (по китайским источникам), Т.Жуманалиева (по тюркоязычным источникам нового времени). К сожалению, основные материалы их диссертаций еще не изданы из-за отсутствия средств.
История Кокандского ханства в традиционной советской историографии рассматривалась как история иностранного государства, захватившего земли кыргызов в 1762–1831 гг. (См.: Ист. Киргиз. ССР. – 1984. –С. 490–499). Эту же концепцию продолжает в своих трудах академик В.В.Плоских (История кыргызов и Кыргызстана: Уч. пос. для вузов. – Бишкек, 1998.– С. 104–115).
В то же время появились работы, коренным образом пересматривающие историю Кокандского ханства, появившегося в начале ХVIII века и окончательно ликвидированного царской Россией в 1876 г. Так, историки К.Молдокасымов и Т.Кененсариев пишут, что Кокандское ханство фактически является полиэтническим государством и представляло собой общую государственность народов Приферганья, в том числе и ферганских кыргызов (Молдокасымов К. Курманжандын көз жашы. – Бишкек, 1991; Молдокасымов К.С. Искак молдо – Кокондун акыркы ханы: Заман-Кыргызстан. – 1994.– 18-25-ноябрь, 2-декабрь; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы: К.Ү.Үсөнбаевдин редакциясы астында. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – Б. 151–159).
История кыргызской государственности ХХ века в какой-то мере изучалась советской кыргызской историографией. Но все время они исходили из таких постулатов, что только благодаря ленинской национальной политике Коммунистической партии кыргызам удалось создать свою государственность. Эта же идея проходит сквозь призму некоторых последних работ.
Так, профессор Дж.М.Малабаев в своей последней монографии «История государственности Кыргызстана» повторяет эти старые идеи. «Серьезным препятствием на пути подготовки и создания государственности народов Средней Азии, в том числе и кыргызского, явилось басмачество – одна из форм вооруженной борьбы против советской власти. Существенную роль в активизации басмачества играли иностранные государства, в частности Великобритания… и соседний Бухарский эмират»,– пишет данный автор (Малабаев Дж. М. История государственности Кыргызстана. – Б.: Илим, 1997.– С. 69).
Но не все историки разделяют эту точку зрения. На конференциях и диспутах Ассоциации молодых историков Кыргызстана в 1991–1994 гг. несколько раз поднят вопрос о пересмотре роли басмачества. Отмечалось, что, наоборот, басмачество вынудило Советов дать более действенные рычаги государственной власти для местных народов. В связи с вопросом об истоках государственности тюркских народов после падения царского режима России, в Кыргызстане изучается вопрос о национально-демократических идеях государственного строительства в 1917–1918 гг. (См. нашу статью: Kirgzistan’da Mill Basmazlk in Mcadele Tarihinden: (1916–1991): Tirk Yurdu.– Ankara, 1994. – Eyll. – Say 85. – S. 30–32.).
Историки З.Курманов и Т.О.Ожукеева более тщательно изучали историю Горной области (1922), которая фактически была первой попыткой местных политических лидеров образовать свою кыргызскую автономию в рамках Советской власти. Инициатива исходила изнутри кыргызского общества. Представители политической элиты кыргызов, ранее состоявшие в некоммунистических демократически настроенных партиях, таких, как башкиро-казахо-кыргызская партия «Алаш», партия социалистов-революционеров, и т.д., после запрещения этих партий примкнули в партию большевиков и продолжали борьбу за создание национальной автономии. (См.: Курманов З. История одной фальшивки, или как выкорчевывали в Кыргызстане многопартийность: Рес публика. – 1992. – 24 марта; Курманов З. Долгий век «Краткого курса истории ВКП (б)»: Кто же стоял у истоков государственности Кыргызстана в 20-е годы: Республика. – 1992. – 15 мая; Джуманалиев А. Политическое развитие Кыргызстана (20 – 30-е годы). – Бишкек, 1994; Ожукеева Т.О. ХХ век: Возрождение национальной государственности в Кыргызстане. – Бишкек: КырГУ, 1993. – С. 7–16). Последняя монография профессора Т.Ожукеевой отличается обильным фактологическим материалом об этнополитической картине районов обитания кыргызов в 20-е годы и о том, как фактически появилась граница современного Кыргызстана (Там же. – С. 32–67, 85–107).
Следует отметить, что разработка истории независимого этапа Кыргызстана (90-е гг. ХХ века) стала одной из приоритетных и модных проблем для историков, философов, политологов, экономистов, географов.
4) Вопрос о русском колониализме
В советской историографии с начала 50-х годов окончательно стала господствовать концепция о том, что русский колониализм был прогрессивнее, нежели британский и другие колониальные режимы. Это было официальной доктриной кыргызской советской историографии 50–80-х годов. Поэтому неудивительно, что в Кыргызстане в 1963 г. отмечали 100-летие «добровольного вхождения Кыргызстана в состав России». В унисон с этими положениями, в «Истории Киргизской ССР» завоевание земель Кыргызстана в 1855–1876 гг. описывается как «давнее стремление» кыргызов к северному соседу: «Впереди открывалась дорога к светлому будущему уже в братском содружестве с великим русским народом в рамках централизованного Российского государства» (История Киргизской ССР. – 1984. – Т. 1. – С. 584).
Такой апологетический подход по отношению к российскому колониализму бытует в работах некоторых пост-советских авторов Кыргызстана в первой половине 90-х гг. (В.М.Плоских, В.П.Мокрынин и др.). Да и в учебнике, изданном в 1998 г., пишется о «присоединении Северного Кыргызстана к России» (это означает, что ряд северокыргызских племен «добровольно изъявляли желание» стать подданными России), а те их представители, которые были против союза с Россией, характеризируются «врагами»: «Еще некоторое время враги России и кыргызского народа делали все возможное, чтобы разрушить скрепленный присягой союз: разжигались усобицы, … убийства сторонников прорусской политики» (История кыргызов и Кыргызстана: Отв. ред. Т.Койчуев.–1998. –С. 136). В отличие от этой концепции, согласно которой северные кыргызстанцы добровольно захотели стать колонией России, уже появились работы, доказывающие, что и Северный Кыргызстан, и Южный Кыргызстан, равно и весь Туркестан, стали колонией в результате российской завоевательной политики (См.: Чоротегин Т.К. Өмүрбектегин Т.Н.: 1855–1868.–Б., Учкун, 1992; Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: ХVII–ХХ к. башы.–Б.: Кыргызстан, 1995.–Б. 100–116; 137–156; Кыргызы и Кыргызстан: Опыт нового исторического осмысления.– Б.: Илим, 1994.– С. 101–114; Кененсариев Т. ХIХ кылымдын 50–70-жылдарындагы Кыргызстандагы саясий өнүгүү: Тарых илим. доктору… диссертац. автореф.– Б., 1998.– Б. 15–36; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.–Б.: Кыргызстан, 1997; и др.).
Особым стоит вопрос об истоках кыргызско-российских дипломатических связей. В советской историографии этот вопрос всегда рассматривался в «розовом свете» — с оттенком апологетики российской дипломатии. Такой же подход наблюдается в работе Д.Сапаралиева о посольских связях кыргызов и России конца ХIХ века (Сапаралиев Д. Кем же был первый посол кыргызов в России? // Советская Киргизия.–1991.–20 ноября; Он же. Уникальные памятники киргизско-русских контактов // Памятники Киргизстана.–1991.–№ 11.–С. 39–42; Он же. Взаимоотношения кыргызов с народами Центральной Азии и с Россией в середине ХVIII века.–Б., 1995). Все же данный автор сумел обогатить науку новыми архивными материалами по данной проблеме.
Новым явлением стала кандидатская диссертация А.К. Койчиева, где впервые в кыргызской историографии арабографические письма кыргызских биев, отправленные в разные администрации Российской империи, были изучены не в их русском переводе, а в их оригиналах (Койчиев А.К. XIX к. Түндүк Кыргызстандын калкынын тышкы саясий мамилелери: (араб жазмасындагы жергиликтүү документ булактардын негизинде): Тарых илим. канд. … дисс. авторефераты. – Бишкек, 1996. – 28 б.). Впервые им отмечается, что еще в 20-е годы ХIХ в. кыргызов уговаривали написать письма в адрес российских властей не только шпионы, торговцы-эмиссары из числа русских и казанских татар, но и представители северо-казахских султанов (Там же. – С. 18–19; Койчиев А. Кыргызские документы арабского письма 1824 года: Вестник КГНУ: Серия общественных наук. – Б., 1994. – № 3. – С. 133–138).
Также важной проблемой эпохи колониализма было изучение национально-освободительных движений в конце ХIХ – начале ХХ в. В советской историографии, как известно, ряд движений получали ярлык «реакционности».
Так, Андижанское восстание 1898 г. против российского колониализма, где большинство повстанцев были из числа кыргызов, в советской историографии 50–80-х годов считалось «реакционным», «антинародным», «феодально-клерикальным» движением. Чтобы оправдать такие движения, нужно было рассмотреть их с классовой точки зрения и доказать, что «движущими силами были не эксплуататоры, не феодалы, не капиталисты, не религиозные элементы, а трудящиеся». И теперь по старой инерции некоторые авторы стараются охарактеризовать Андижанское восстание по «классовой линии»: «Оно явилось первым восстанием трудящихся юга Кыргызстана против русских колонизаторов» (История Кыргызстана с древнейших времен до конца XIX века: Учебник для вузов / Авторский коллектив: У.Чотонов, А.Бедельбаев, О.Караев, Т.Кененсариев и др. – Бишкек: Илим, 1995. – С. 311).
Однако, эта точка зрения уже не является единственной. В другой монографии Андижанское восстание просто называется «народным движением», «самым крупным национально-освободительным восстанием народов Средней Азии в конце ХIХ века» против российских властей (Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын… – Б., 1995. – Б. 171).
Национально-освободительное движение среднеазиатских народов, в том числе кыргызов в 1916 г. было поистине грандиозным. История этого движения находилось под пристальным вниманием советской машины политической цензуры. Те очаги восстания, где местные кыргызские манапы и бии были объявлены «ханами», т.е. фактически они попытались создать независимое, хотя и маленькое, государство, в кыргызской советской историографии назывались «реакционными очагами».
К сожалению, самый крупный исследователь данной проблемы – член-корреспондент НАН Кыргызстана, профессор К.Үсөнбаев, в 80-е годы подпавший под гонения и притеснения в силу своих острых документальных материалов, в одной из своих последних монографий продолжает такой же классовый подход: «…представители феодальной знати решили использовать их недовольство в своих интересах. Многие из них присоединились к восставшим и, пользуясь их темнотой и отсталостью, пытались захватить руководство восстанием. Они провозгласили ханом Мокуша, сына крупнейшего манапа Шабдана…»; « Вскоре к повстанцам примкнули такие крупные манапы, как Канат Абукин, Кокумбай Чыныев, Курман Лепесов, Балбак Телекенов, Тезекбай Толкуев, Чолук Курманкожоев и другие. Эти манапы, за исключением Курмана Лепесова и Чолука Курманкожоева, провозгласили себя ханами отдельных волостей» (Усенбаев К.У. 1916: Героические и трагические страницы. – Бишкек: Шам, 1997. – С. 85, 100). В работах молодых историков данный классовый подход при характеристике восстания 1916 г. уже преодолен (ср.: Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана… – Б. 178–183).
Все же именно благодаря кропотливым работам проф. К.У.Усенбаева удалось узнать больше архивных материалов по истории данного восстания. Материалы данной монографии в мае 1982 г. были изъяты из издательства после критики в адрес автора на Пленуме ЦК КП Кыргызстана Первым секретарем ЦК Турдакуном Усубалиевым.
Ныне ученики К.У.Усенбаева активно изучают данную проблему. Так, М.Махмутбекова издала свою монографию «Национально-освободительное восстание в Кыргызстане» (Махмутбекова М. Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүш. – Б.: Эркин-Тоо, 1996. – 112 б.; Жакыпбеков Ж. Восстание 1916 года: Историографические выводы // Республика. – 1992. – 3-октября; Жакыпбеков Ж. Историог рафия проблем истории Кыргызстана второй половины ХI – начала ХХ вв.: (Опыт, перспективы изучения). – Б., 1995).
Исторические личности кыргызов, запрещенные ранее для изучения
Пожалуй, самым злободневным вопросом кыргызской историографии остается вопрос о пересмотре роли исторических личностей в истории кыргызского народа. Некоторые личности были ранее известны, но их надо было «реабилитировать», так как в советской историографии их считали «реакционными» (Молдо Кылыч, Арстанбек). Многие из них были репрессированы при сталинистском режиме (Абдыкерим Сыдык уулу, Юсуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов) или позднее. Некоторые были сохранены в фольклоре и генеалогических преданиях (Тайлак баатыр). Некоторые имена просто были в забвении (Барсбег). Некоторые считались «не относящимися к кыргызской истории» (Юсуф Баласагуни, Махмуд Кашгари). Но уже теперь без них невозможно представить всю полноту истории кыргызов и тех предков, которые окыргызились.
Вопрос о пересмотре исторических личностей был впервые поставлен в последние годы «перестройки». Общественность Кыргызстана, в первую очередь писатели и другие представители культурной элиты, поставили данный вопрос ребром в 1987–1988 гг. Уже к концу 1988 г. начали «реабилитировать» некоторых личностей, репрессированных в 30-е годы. Это означало, что их восстановили посмертно в членстве КПСС (если они когда-либо были ее членами), дали добро на упоминание их имен в энциклопедиях, учебниках, газетно-журнальных публикациях в «доброжелательном тоне». Это было резкое изменение, потому что еще в 1985–1986 гг. были гонения против тех, кто в горных районах пел песни репрессированного в 30-е годы поэта Казыбека Маматемин уулу, а в начале 1987 г., после известных кровавых репрессий демонстрантов в столице Казахстана – соседней республики (г.Алматы, декабрь 1986 г.), в Кыргызстане были гонения против всяких «националистов».
Одним из репрессированных был профессор-этнограф, доктор исторических наук С.А.Аттокуров, которого вынудили уйти с поста заведующего кафедрой Археологии и этнографии Кыргызского государственного университета и вообще с университета (студентов-историков, поддержавших его, чуть ли не исключили с учебы).
Уже с 1989 г. посыпались разные публикации по историческим личностям. Некоторые из них были включены в «Тематическое планирование по истории Киргизской ССР», т.е. были санкционированы Министерством образования республики, еще в сентябре 1989 г. Но цензура еще оставалась. При публикации книги «Кыргызская история: Краткий энциклопедический справочник», где впервые воедине были собраны биографические материалы об этих и других личностях и основных исторических событиях (книга была сдана в издательство еще в 1989 г.), авторам пришлось доказывать каждый новый материал в «лояльности» к коммунистической идеологии (Мугалимдер газетасы. – 1989.–1-сентябрь; Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: КСЭ, 1990).
Но уже в первые годы независимости, в условиях отсутствия всякой цензуры (с сентября 1991 г. на некоторое время единственно в Кыргызстане среди всех других центральноазиатских республик Коммунистическая партия была запрещена, затем коммунисты восстановили свою партию, но уже в карликовом виде. Теперь эта партия является одной из 21 мелких партий республики) начались открытые публикации и дебаты в прессе. Сразу замечено, что цензура оставалась в пониманиях многих историков как самоконтроль.
Одной из таких первых публикаций о ранее репрессированных личностях является сборник статей и очерков, посвященный жертвам репрессий 1937 года («Тридцать седьмой год в Киргизии: (Возвращенные имена) / Составитель И.Е.Семенов; Литерат. обработка Ю.А.Жучкова; Под руководством К.К.Каракеева и В.М.Плоских. – Бишкек: Кыргызстан, 1991.– На кыргызском и русском языках. Перевод на кыргызский язык – Жанузака Тынаева. – 336 с.).
Данная публикация является одним из последних продуктов коммунистической партийной самоцензуры. «… не было столько «врагов», а погибшие в этот период часто были не просто хорошими людьми, но и стойкими борцами за идеалы Октября»,– пишет составитель И.Е.Семенов, бывшний зам. директора Института истории Компартии Кыргызстана (Там же.– С. 4, 180). Другими словами, сторонники правоты идей большевизма еще продолжали оправдывать убийства «истинных врагов» Октября. Однако привлечение историками Компартии Кыргызстана ранее закрытых архивных материалов из фондов партийных институтов было важным подспорьем для других историков, не имевших доступа для таких фондов.
Некоторые избранные историки, как профессор В.М. Плоских, были привлечены к архивным фондам Комитета Государственной Безопасности (ныне – Министерство Национальной безопасности) Кыргызстана для работы над документами по реабилитации некоторых исторических личностей. Открытие места массового захоронения лиц, расстрелянных в ноябре 1938 г. вблизи столицы, у села Чон-Таш в Аламединском районе и официальное их перезахоронение летом 1992 г. с участием президента А.Акаева и писателя Ч.Айтматова стали новым толчком для изучения жизни и деятельности многих репрессированных лиц. (См.: Хелимская Р.И. Тайны Чон-Таша.– Бишкек, 1995).
Ассоциация молодых историков призвала открыть для историков ранее запрещенные архивы. (К слову, автор этих строк в марте 1994 г. поработал несколько часов с некоторыми материалами данного Министерства национальной безопасности, и реализовал для себя, что не все материалы будут доступны для историков. Как сказал сотрудник архива, до того, как архивный материал будет передан в зал исследователю для чтения, он будет проверен и перепроверен, т.е. момент цензуры все-таки существует внутри данного архива). Все же, благодаря более мягкой политике руководства МНБ ряд важных материалов по историческим личностям и событиям удалось опубликовать в статьях и книгах. (Даже сотрудник МНБ Талант Раззаков опубликовал книгу об Ошских событиях 1990 г.: Раззаков Т. Ошские события: На материалах КГБ. – Бишкек, 1993).
Ряд исторических личностей, живших в средневековье и новое время, т.е. до Советского времени, впервые были изучены лишь в пост-советской историографии. Среди важных публикаций можно указать на такие работы, как серия «Кыргызы: Генеалогия. История. Наследие. Традиция», составленная видным писателем и публицистом Кенешом Жусуповым (Кыргыздар: Санжыра. Тарых. Мурас. Салт / Түзүүчү Кеңеш Жусупов. – Бишкек: Кыргызстан, 1991. – Т. 1. – 624 б.; Т. 2. – 576 б.; Т. 3. – Бишкек: Сорос-Кыргызстан фонду, 1995.- 639 б.). В данной серии можно прочесть материалы о Белеке Солтоноеве, историка, репрессированного в 1938 г. и оставившего труд по истории кыргызов (важные части его труда были включены в данный сборник), и о других исторических личностях и их трудах, много генеалогических преданий, эксцерпты трудов Жусупа Баласагуни, Махмуда Кашгари, Молдо Кылыча, Молдо Нияза, а также таких историков, как академик В.В.Бартольд, китайский кыргызский историк Анвар Байтур, французский востоковед Реми Дор и т.д.
Молодой историк А.К.Койчиев опубликовал брошюру «Осмонаалы Сыдык уулу и его «Истории» (Койчиев А.К. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын «Тарыхтары». — Бишкек, 1992. –46 б.), которая стала первым специальным исследованием жизни и деятельности дореволюционного историка-просветителя Осмонаалы Сыдык уулу, издавшего на свои деньги два арабографических труда на кыргызском языке: «Мухтасар тарых-и кыргызийа» («Краткий свод кыргызской истории», Уфа, 1913) и «Тарых-и шадманийа» («История (кыргызов) в честь Шабдана», Уфа, 1915).
В последние годы были опубликованы ряд книг и брошюр с привлечением не только письменных, но и генеалогических материалов о жизни и деятельности таких исторических личностей, как Тагай бий, Тайлак баатыр, Полот хан (Молдо Исак Хасан уулу), Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Исхак Раззаков и т.д. (Аттокуров С. Тагай бий. – Б., 1994; Аттокуров С. Тайлак баатыр. – Б., 1994; Кененсариев Т. Искак Асан уулу: Полот хан. – Б.: Кыргызстан Тарыхчылар Коому, 1997; Курманжан датка. – Ош, 1991; Миталип уулу Жаңыбай. Ташбек датка. – Кадамжай, 1993; Молдокасымов К. Курманжандын көз жашы. – Б., 1991; Шабдан баатыр. – Б., 1994; и др.). Конечно, имелись и литературные пассажи со многими фактологическими ошибками и вымыслами типа трудов Амана Газиева и Кылыча Эсен уулу (Газиев А. Курманжан датка – некоронованная царица Алая. – Б., 1991; Газиев А. Пулат-хан. – Б., 1995; и т.д., ср. критику: Чоротегин Т.К. Аман Газиев как зеркало своих создателей // Кут билим. – 1997. – 3 апреля. – № 11; Эсен уулу Кылыч. Древнекыргызское государство Хагяс. Каганат Кыргыз. Кыргызское великодержавие: (840 – нач. X в.). – Б.: Ренессанс, 1994. – 144 с.).
Ряд ранее не изданных трудов тюркских и кыргызских просветителей и ученых были опубликованы в пост-советское время (Алдаш молдо. Ормон-Балбай: Бугу менен сарбагыштын урушу. – Б., 1992; Ахсикенти Сайф ад-Дин ибн дамул-ло Шах Аббас жана анын уулу Нурмухаммед. Тарыхтардын жыйнагы: («Мажму атут-таворих») / Которгондор молдо Мамасабыр Досболов жана Омор Сооронов; Баш сөзүн жана түшүндүрмөлөрүн жазган Омор Сооронов. – Бишкек: Акыл, 1996.–128 б.; Баласагын Жусуп. Куттуу билим: Дастан / Байыркы түрк тилинен которгон Т.Козубеков. – М.: «НИК», 1993. – 499 б.; Байтур А. Кыргыз тарыхынын лекциялары / Араб арибинен кириллицага которгондор К.Артыкбаев, Т.Абдылдабеков; Ред. Ж.Жапиев. – Бишкек: Учкун, 1992. –1-китеп. – 128 б.; 2-китеп. – 128 б.; Кашгари Махмуд ибн Хусейин. Түркий тилдер сөз жыйнагы / Араб тилинен кыргызчалаган Т.Чороев // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн К.
Жусупов. – Бишкек: Кыргызстан, 1991. – 2-китеп. – Б. 441–459.; Молло Нияз. Санат дигарасттар / Арап тамгасындагы эски жазмадан азыркы тамгага Р.Зулпукаровдун көмөгү менен көчүргөн, китеп кылып түзгөн жана баш сөзү менен сөздүктөрүн, кошумчаларын жазган Омор Сооронов. – Бишкек: Учкун, 1993. – 176 б.; и др.). мы здесь вынуждены перечислять лишь некоторые из них, есть весьма много публикаций в периодических изданиях.
Письменная культура кыргызов. Источниковедение.
В советской историографии господствующим было мнение о том, что «Киргизский народ, как известно, не имел собственной письменности и письменной литературы» (См.: История Киргизской ССР.– 1984.– Т. 1.– С. 645). Тем самым завуалировались средневековые и дореволюционные письменные памятники кыргызского народа, не принимались в счет енисейские и орхонские письменные памятники, оставленные кыргызами и народами, культурно близкими к ним. Многие рукописные книги, уничтоженные во время репрессий, гонений и «культурной революции» в 20–30-х годах, книги, изданные до революции, но запрещенные для широкой публики, замалчивались.
В истории известно, что в VII–ХП вв. кыргызы на Енисее пользовались собственной руноподобной алфавитной письменностью. Те кыргызские группы, которые мигрировали на Тенгри-Тоо в IХ в., уже с Х века примкнули к арабографической письменности. Собственно в Кыргызстане в средние века пользовались также сирийской, согдийской, уйгурской графиками. (См.: Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. – Фрунзе: Изд-во АН Кирг. ССР, Илим, 1963-1987. – Вып. 1-3; Кыргыз руху – «Манас»: Адабий изилдөөлөр, табылгалар, эскерүүлөр / Түзгөндөр
К.Эдилбаев, Э.Кылычев. – Бишкек, 1995. – Б. 246-249. ) Арабская графика была использована кыргызами вплоть до 1928 г. (в Китае и Афганистане кыргызы пользуются данной графикой и поныне). В 1928–1940 гг. в Кыргызстане был введен и использован вариант латинской графики. В 1940 г. сталинский режим дал приказ отменить эту графику и перейти всем тюркским народам к кириллице. Тем самым в течение 1928–1940 гг. нация дважды вынуждена менять свою письменность, тем старым людям, которые писали только на арабском или латинском, не разрешали писать на этих алфавитах и они оказались в числе неграмотных. Тем не менее закрепилось официальное мнение о том, что благодаря ленинской национальной политике и лишь в советское время кыргызы стали иметь свою собственную письменность.
В постсоветской историографии те историки, которые поддерживали официальную точку зрения, медленно, но все таки изменили свою концепцию (См.: История кыргызов и Кыргызстана / Отв. ред. Т.Койчуев. – Б.: Илим, 1998. – С. 131), и признают, что тезис о том, что у кыргызов не было письменности, был «скорее политический, чем научный». Кыргызский арабист-востоковед, проф. О.Караев в 1994 г. опубликовал конспект лекций, где он привлек мнение видного русского тюрколога С.Е.Малова о том, что он, вслед за В.В.Радловым и В.Томсеном счи тает, что енисейские памятники принадлежат кыргызам (Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар). – Б.: Учкун, 1994. – Б. 9). Была также опубликована монография о наследии Махмуда Кашгари, ученого-диалектолога и этнографа ХI века (Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати т-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077) / Илимий ред. Кара уулу.– Б.: Кыргызстан, 1997.–160 б.). Выше цитированные уже в постсоветское время изданные труды Молдо Нияза, Молдо Кылыча, Эшенаалы Арабаева, Осмонаалы Сыдык уулу, Белека Солтоноева, Алдаш Молдо, Тоголок Молдо и т.д., свидетельствуют, что еще до Советской власти кыргызские интеллектуалы писали свои труды на арабской графике и начали их издавать в Казани и Уфе. Издательское дело в Кыргызстане начато лишь в 20-е годы ХХ в.
В советское время источниковеды-востоковеды готовились за пределами Кыргызстана (Москва, Ленинград, Ташкент, Казань). Кыргызстану не было дозволено открыть собственные востоковедческие факультеты. В 1991 г. впервые при Кыргызском государственном университете открыто востоковедческое отделение. Ныне при Бишкекском гуманитарном университете и при Кыргызском государственном национальном университете имеются востоковедческие факультеты, где изучают арабский, персидский, турецкий, китайский, японский, корейский языки. Из числа их выпускников уже некоторые стали аспирантами, изучающими восточные источники по истории Кыргызстана.
В постсоветское время усилиями ученых были изданы источниковедческие обзоры, сборники переводов исторических источников, хрестоматии (Восточные авторы о кыргызах / Сост., введ., коммент. О.Караева. – Бишкек: Кыргызстан, 1994. – 96 с.; Кыргызы: Источники. История. Этнография / Сост.: О. Караев, К. Жусупов. – Бишкек: Шам, 1996. – 620 с. (Фонд «Сорос-Кыргызстан»); Лившиц В.А. Согдийские тексты, документы и эпиграфика // Источниковедение Кыргызстана: (С древности до XIX в.). – Бишкек: Илим, 1996. – С. 215–273; Федоров М.Н. Нумизматические источники // Источниковедение Кыргызстана: (С древности до XIX века) / Отв. ред. В.М.Плоских. – Бишкек: Илим, 1996. – С. 274–283; Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана (XIII–XVIII вв.) Уч. пособие / Сост Т.Д. Джуманалиев. – Бишкек: Кыргызстан, 1996. – 232 с. (Фонд «Сорос-Кыргызстан»); Хрестоматия по истории Кыргызстана: (С древнейших времен до XX в.): Пособие для общеобразовательных школ и вузов / Сост. В.А.Воропаева; ред. В.М.Плоских. – Б.: Илим, 1997. – 342 е.; Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX–XIII вв. / Науч. ред.
Б.А.Ахмедов. – Бишкек: Фонд «Сорос-Кыргызстан», 1995. – 208 с.; Хелимский Е.И. Массовые источники по истории крестьян-переселенцев в Средней Азии в конце XIX – начале XX в. – Б.: Илим, 1996. – 68 с.). Готовится к изданию новый сборник «Материалы по истории кыр гызов и Кыргызстана» (См. первый выпуск: Материалы по истории киргизов и Киргизии / Отв. ред. В.А.Ромодин. – М.: Наука, 1973. – 280 е.).
Важными событиями для кыргызской историографии стали переиздания некоторых работ академика В.В.Бартольда и переиздание (с включением некоторых ранее не изданных) трудов А.Н.Бернштама (Бартольд В.В. Избранные труды / Составление, дополн. коммент. и предисловие О.К.Караева. – Бишкек: Шам, Фонд «Сорос – Кыргызстан», 1996. – 607 с.; Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Түзгөн, кошумча түшүндүрмөлөр жана алгы сөз жазган О.Караев; илимий ред. С.Кайыпов. – Бишкек: Айбек, 1997. – 456 б. («Кыргызстан-Сорос» фонду); Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана / Составители К.Ташбаева, Л.Ведутова. – Бишкек: Айбек, 1997. – Т. 1. – 560 с.; второй том также выходит в 1998 г.).
О праздновании юбилеев эпоса «Манас» (1995) и города Ош (2000). Археология.
В советское время большинство исследований по истории имело государственных дотаций и субсидий. Конечно, можно было подготовить монографии по своей инициативе, но плановые работы имели больше шанса быть изданными. Такие работы, требующие много средств, как археологические экспедиции, осуществлялись только за счет бюджетных средств.
В пост-советское время экономический упадок не позволил правительству слишком много дотировать науку. Исследователи сами ищут спонсоров, устанавливают связи с западными исследовательскими институтами, чтобы продолжить свою научную деятельность. Так, Ассоциация молодых историков Кыргызстана (с ноября – Общество историков Кыргызстана) в 1991–1998 гг. находила средства для собственных археологических экспедиций благодаря спонсорам – кыргызским бизнесменам и иностранным научно-исследовательским организациям, как Турецкое Общество Истории (Анкара) и Германский археологический институт (Берлин). Ряд археологов нашли поддержку у ЮНЕСКО, у некоторых зарубежных компаний, работающих в Кыргызстане, как дочерняя фирма «Кум-Тор оперейтинг компани» канадской компании «КАМЕКО». В числе работ, опубликованных археологами благодаря исследованиям 90-х годов, следует указать на труды Ю.С.Худякова (Новосибирск), К.Ташбаевой, Б.Аманбаевой, К.Табалдиева, А.Абетекова, В.Горячевой, Д.Ф.Винника, О.Солтобаева и т.д. (См.: Из истории и археологии Древнего Тянь-Шаня / Отв. ред. К.И.Ташбаева, Д.Ф.Винник. – Б.: Илим, 1995. – 247 с.; Табалдиев К. Курганы средневековых кочевых племен Тянь-Шаня / Ред. П.Г.Манохин. – Бишкек: «Айбек», 1996. – 254 с., илл. (Фонд Сорос-Кыргызстан); Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – 2-е, испр. изд / Науч. ред. Т.К. Чоротегин. – Бишкек: ПП Камекс-Детай ЛТД, 1995. – 187 с., илл. (Фонд «Сорос-Кыргызстан»); и др.).
Одним из основных бюджетных фондов, которых археологи, этнографы и другие исследователи истории Кыргызстана могли использовать в пост-советское время, стали фонды, определенные для организации разных официальных юбилейных мероприятий (юбилеи исторических личностей, местностей, важных исторических событий и т.д.). Среди них особо стоят два события – официальное празднование 1000-летия кыргызского эпоса «Манас» в 1995 г. и подготовка к празднованию 3000-летия южнокыр гызстанского города Ош в 2000 году.
Символическое празднование 1000-летия эпоса «Манас» было предложено еще в советское время. Даже были проекты отметить данный юбилей в 1947 году. Однако, лишь в пост-советское время удалось осуществить это намерение. Хотя ученые-историки выступали, что нельзя связать фольклорное наследие, как эпос, к конкретному году или даже веку, но политики решили отметить именно 1000-летие эпоса. Тогда ученым оставалось лишь воспользоваться случаем и организовать экспедиции, конференции, симпозиумы, публиковать труды. Благодаря Оргкомитету по проведению юбилея эпоса «Манас» в 1994–1995 гг. удалось организовать ряд международ ных конференций (об этнической истории кыргызского народа, об эпосе «Манас», о жизни и деятельности таких выдающихся сказителей «Манаса», как Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Каралаев; и т.д.), археологических, этнографических и социологических экспедиций. Конечно, были и труды ученых-манасоведов, подготовленные вне связи с юбилеем, но изданные накануне торжеств (Кыргызы: Этногенетич. и этнокульт. процессы в древности и средневековье в Центральной Азии: Материалы Междунар. науч. конф., посящ. 1000-летию эпоса «Манас». 22–24 сент. 1994 г., г.Бишкек. – Бишкек: Кыргызстан, 1996; «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата: «Манас» эпосун орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун актуалдуу илимий-методикалык маселелери: (Республикалык илимий конференциянын докладдары жана тезистери). – Бишкек, 1994. – 132 б.; Мамытбеков З.Ч. Отражение жизни и борьбы киргизов в эпосе «Манас» / Отв. ред. Э.Абдылдаев. – Б.: Илим, 1993. – 183 с.; Манасчылар – кыргыз элинин руханий инсандары: Сагымбай Орозбаков: 125 жыл / Жооптуу ред. Б.Садыков. – Б.: Илим, 1993. – 127 б.; Молдобаев И.Б. «Манас» – историко-культурный памятник кыргызов / Ред. С.С. Данияров. – Бишкек: Кыргызстан, 1995. – 312 с.; «Манас» эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурасы: («Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата өткөрүлгөн Эл аралык симпозиумдун тезистери). 27–28-август 1995-жыл. Бишкек шаары. – Бишкек: Кыргызстан, 1995; Манас: Энциклопедия. – Бишкек: Кырг. энцикл. баш. ред., 1995. – Т. 1–2; и др.).
25 марта 1996 г. был издан Указ Президента Кыргызской Республики «О проведении празднования 3000-летия г.Оша» и правительством был утвержден Национальный организационный комитет по празднованию данного юбилея. Ученые-историки еще раз выступили в местной периодической печати о том, что датировка требует уточнений и что 3000 года не реальны для всех древних городов Ферганской долины, в том числе и для г.Ош. Но тем не менее оргкомитет утвержден и подготовительная работа усиливается. В таком случае многие археологи и историки решили просто не выступать против датировки, а использовать средства и деньги Оргкомитета для проведения конференций, археологических и других экспедиций и для публикации их материалов и других трудов. Есть попытки доказать правоту данной датировки (Заднепровский Ю.А. Ошское поселение: К истории Ферганы в эпоху поздней бронзы / Отв. ред. К.Ташбаева, Б.Нурунбетов. – Б.: Мурас, 1997. – 172 с.; Ош–3000: Юбилей века: Научно-обоснованная концепция «Ош – 3000» / Составители Б.А.Нурунбетов, Б.Ж.Бешимов, Ю.А.Заднепровский, Т.К.Сарыков, М.З.Узбеков. – Бишкек: Акыл, 1997. – 92 с.), однако они пока не подтверждены солидными историческими материалами, на что было указано во время международного научного симпозиума историков и археологов в г.Ош в октябре 1997 г.
Такие юбилеи всегда носили политический характер (в Центральной Азии проводились юбилеи таких древних городов, как Самарканд, Бухара, Хива, Ташкент, Ходжент и т.д., их верхними датами были 2000–2500-летия. Известно еще, что после проведения 1000-летия в Кыргызстане были проведены президентские выборы, успешно завершенные для настоящего президента. И после 3000-летних торжеств города Ош ожидается следующий круг президентских выборов). Но тем не менее, часть бюджетных средств подобных юбилеев в обязательном порядке использовалась для нужд науки. И при подготовке юбилея г.Ош благодаря бюджетным средствам будут выполнены работы по раскопке археологических объектов, строительству новых и улучшению существующих музеев, продолжению архивных исследований, изданию книг, и т.д. (См.: Ош–3000: Юбилей века… – С. 58–89).
ЗАКЛЮЧЕНИЕ
Пост-советская историческая наука в Кыргызстане переживает процесс глубоких преобразований. Историки постепенно отходят от марксистско-ленинской методологии в истории. Наблюдается, что такой отход от классового подхода при описании исторических явлений – более тя желый для представителей старшего поколения, которые по инерции соблюдают коммунистические клише в своих последних монографиях. Среднее и молодое поколения оказались более восприимчивыми к новым идеологическим веяниям. Они более всех оказываются новаторами в деидеологизации истории (т.е. освобождении исторических концепций от коммунистических шаблонов). Тем не менее, данный транзитный период сохранил в кыргызской историографии ряд показателей советской историографии (пережитки формационного описания истории и т.д.).
В Кыргызстане фактически нет официальных координационных структур по организации исторических исследований по всей стране. Нет и политической цензуры. Однако, цензура сохранилась в мышлениях самих историков.
Защита кандидатских и докторских диссертаций по истории осуществляется лишь при единственном Совете по защите диссертаций при Институте истории Национальной Академии наук Кыргызской Республики. Защищенные диссертации историков должны быть утверждены Национальной аттестационной комиссией при Президенте Кыргызской Республики. (О докторских диссертациях, защищенных по разным отраслям науки до середины 1997 г., см.: Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. – Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. – 672 с.). Имеются исторические и востоковедческие факультеты в нескольких университетах. Существует Общество историков Кыргызстана, координирующее деятельность своих членов по нескольким направлениям. Однако, в целом, эти научные и научно-исследовательские институты и организации не имеют между собой координационных структур, что в какой-то степени было характерно при Советской власти, поэтому приоритетные направления исторических исследований отрабатываются лишь в рамках каждой из этих органи заций.
Опубликованные учебники и программы по истории (См.: Программа по истории кыргызов и Кыргызстана: (Для высших учебных заведений). – Б.: Илим, 1995; Жалпы билим берүүчү орто мектептердин гуманитардык багыттагы 5–11-класстары үчүн программалар: Тарых / Программаны иштеп чыккандар: А.И.Идинов (жетекчиси), Т.К.Чоротегин, Т.Н.Өмүрбеков, К.С.Молдокасымов, М.Иманкулов, Л.Марченко. – Бишкек: Технология, 1997. – 116 б. отчетливо характеризуются и новыми подходами при описании ряда исторических явлений, и вкрапленными в них элементами старых советских методологических моментов. Видимо, все историки нынешнего Кыргызстана, включая и автора этих строк, являются представителями транзитной историографии.
Т.КЕНЕНСАРИЕВ
КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ТАРЫХЫНАН…
Анжыян (Фергана) кыргыздары
Кыргыздардын келип чыгышындагы сак-усун теориясын эске алсак, кыргыздар Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки биринчи миң жылдыктын орто ченинен баштап эле жашаган деп айтууга болот. Бул гипотезанын белгилүү тарыхый булак аксыкенттик Сайпидиндин «Маджму атут-таворихинин» акыркы басылган версиясы аныктап турат. Анда кыргыздар Фергана өрөөнүндө кеминде пайгамбарлар өткөн мезгилден бери жашагандыгы, ага чейин кыргыздар Римден келишип, Хожент тоолорунан орун алгандыгы жөнүндө айтылат.
«Фергана кыргыздары» деген термин теңиртоолук жалпы кыргыз элинен ажыратылып каралбайт, ал өзүнчө кыргыздын бир бөлүгү эмес. Азыркы кыргыз элинин XIV– XIX кылымдарда Фергана өрөөнүн туруктаган мезгилин чагылдыруучу гана компонентинин шарттуу аталышы катары кароо туура. Кыргыз элинин оң, сол жана ичкилик деп аталган үч илтик бөлүнүшү тарыхый божомолго караганда XII кылымга таандык. «Маджму атут-таворих» аттуу белгилүү тарыхый булак Араб халифатынын кайсыл бир кол башчысынын кара-кытайларга (кидандарга) каршы жортуулунда (1127-жыл) Наманган тоолорунда жашаган кыргыздар Аналхактын Лурбузуруг жана Лурхан аттуу уулдарынын жетекчилиги астында катышкандыгы айтылат. Жоокердик бул түзүлүштүн негизинде кыргыздар «оң» жана «сол» канатка бөлүнгөн делет.
Лурбузуругдан Куу уул, Лурхандан Ак уул төрөлүп, алардын урпактарынан XVIII кылымга чейин болжолу 23 муун өткөн. Куу уулдун урпактары (Темирландын легендарлуу кол башчысы Сары-Бугунун урпактары саруулар, Лалым кушчунун урпактары кушчулар, Айбаш мундуздун урпактары мундуздар, Сунжек кытайдын урпактары кытайлар, Басыздын балдары басыздар, Кутлук Сейит баштаган чоң багыштар жана башкалар) Фергана өрөөнүнүн Эки-Суу арасында (Нарын менен Кара-Дарыянын ортосундагы жерлер – азыркы Кыргызстандын Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондору, Өзгөн районунун оң бөлүгү, Өзбекстандын Наманган областынын сол бөлүгү жана Анжиян областынын басымдуу бөлүгү), Аксы жана Чаткал өрөөндөрүндө, Таласта жашаган. Сол канат кыргыздарынын дээрлик бардык урууларынын өкүлдөрү ушул мезгилге чейин Фергана өрөөнүнүн чегинде турушат.
Ал эми Ак уулдан Отуз уул жана Солусбек төрөлүп, алар чачыраган кыргыз урууларын эки улуска «Отуз уулдун айылына» жана «Солусбек Богачынын айылына» бөлүп алып, Алай өрөөнүндө (Кара-Дарыядан түштүкчыгышка карай жайгашкан Хожент тоолоруна чейинки тоолуу жана түздүк аймактар) жашап калышкан. Отуз уулдан Наалы эже, Адыгине,Тагай жана Мунгуш туулуп (кай бир санжырада Отуз уулдун дагы бир уулу Карабагышты да кошушат, чынында ал Адыгиненин жигити болгон). Адыгине тынч жашап, чарбачыл адам болгондугу белгилүү. Анын иниси Тагай бий (Тагай бахадур, Тагай шейх, Али шейх) жоокерликти сүйгөн инсан болуп, кезегинде Али шейх деген ат менен Аксак Темирдин кол башчысы болуп жүргөндүгү тарыхый булактарда божомолдонот. Анын кыштоосу азыркы Ноокат районунун Көк-Бел айлында жайгашкандыгы жөнүндө «Маджму атут-Таворихте» учкай айтылат. Тагай улгайган кезде өзүнө караштуу айылдарды жана урууларды жетектеп Теңир-Тоону көздөй оогондугу белгилүү. Бирок бул процесс акырындык менен жүрүп, XX кылымга дейре созулган. Мисалы, XVI кылымда Тагайдын урпактарына караштуу саяктардын аталарынын бири Асаке азыркы Өзбекстандын Асаке шаарынын чөлкөмүндө туруктап жүрүп өлгөн жана анын кыштоосунун негизинде пайда болгон Асаке кыштагы учурда шаар катары белгилүү. Ошол эле саяктардын дагы бир аталарынын бири Байболоттун эки уулу Атакара жана Ботокара XVII кылымдын чегинде Анжиян областынын азыркы Атакара (Анжиян шаарынын түндүк-чыгыш тарабы) жана Ботокара (Анжиян областынын Избаскен району менен Кыргызстандын Ноокен районунун чегинде) кыштоолорунда турушкан. Азыр бул кыштоолор чоң кыштактарга айланган. Саяктардын белгилүү инсандарынын акыркыларынын бири Тайлак баатырдын атасы Рыскул бийдин айылдары Тогуз-Торо, Куртка, Жумгал, Кочкорлорду жайлаганы менен, атактуу бий өлгөндө, сөөгүн ата-конушу Арстанбапка койгондугун Белек Солтоноев «Кызыл-кыргыз тарыхында» эскерет. Ушул мезгилде деле саяктардын белгилүү бөлүгү Ноокен районунда жашап турушат.
Адыгине бир тууганы Мунгуш жана жигити Карабагыш менен Фергана өрөөнүндө жашап калган. Кийинки доорлордо Адыгине-мунгуштан көп сандаган уруулар тарап, алар азыркы Кыргызстандын негизинен Ош областынын райондорунда, ошондой эле Анжиян областынын Кыргызстан менен чек ара райондорунда жайгашкан. Ош шаары болсо адыгине уруусунун тарыхый жактан экономикалык, саясий жана идеологиялык борбору катары эсептелип келген. Адыгине уруусу жөнүндө жазма булактар аз. XVIII кылымга таандык «Сиюй тучжи» булагында бул уруу «э-дэ-ге-на» (А.Н.Бернштамдын версиясы), же «одокноток-ия» (И.Бичуриндин версиясы) катары берилет. Адыгинеден тараган кыргыз уруулары кээде «ош кыргыздары» деген ат менен да аталат. О.Сыдыковдун пикири боюнча
XX кылымдын башындагы Фергана өрөөнүндө жайгашкан көп сандаган адыгине жана мунгуш уруусунун тургундары «анжиян кыргыздары» деп да аталышат.
Солусбек Богачы же Салавас бий Булгачыдан бостон, тейит, жоо-кесек, дөөлөс, кыдырша, каңды, аваат, найман, нойгут, кыпчак болуп 10 уруу тараган. (Оргу уруусу кээде өз алдынча да берилет). XV–XVIII кылымдардын чегинде Солусбек Боогачынын урпактары Казакстандын Балхаш көлүнөн түштүк жана түштүк-чыгышка карай аймактарда, Жунгарияда, Кытайдын Син-цзян округунда, Тажикстандын тоолуу чөлкөмдөрүнөн Гиссарга чейинки аймактарда жашагандыгы маалым. Кыргыздын «кызыл уулунун урпактары» катары саналган бул уруулар Фергана өрөөнүндө «ичкиликтер» деген ат менен кеңири белгилүү. Азыркы учурда Ош жана Жалалабад областтарынын райондорунун көпчүлүгүндө жана Баткен областынын дээрлик бардык районунда жашап турат. Ичкилик кыргыздарынын көпчүлүк бөлүгү Памир тоолорунун этектеринде, Тажикстандын Кожент областынын тоо этектеринде, Кожент тоолорунун түштүк-батыш тарабы менен чектеш Өзбекстандын Заамин жана Бакмал райондорунда жайгашкандыктан, кээде аларды «кожент кыргыздары» деп да аташат.
Демек, «анжиян кыргыздары» термини чынында кыргыз элинин өз алдынча бир бөлүгүн эмес, азыркы кыргыздардын XIV–XX кылымдардын чегинде Фергана өрөөнүндө жашаган мезгилин чагылдырган гана термин деп түшүнүү керек.
Кокон хандыгынын түптөнүшү жана өнүгүү этаптары
Кыргыз тарыхынын бараандуу доорлорунун бири бул жаңы доордун XVIII–XIX кылымдары. Бул мезгилде Европа жана Америкада рынок экономикасына өтүү жана улуттук мамлекеттердин калыптануу процесси жүрсө, ал эми Борбордук Азияда орто кылымдык мамилелер менен чүмбөттөлгөн коомдук системанын алкагында Хива, Бухара жана Кокон хандыктары сыяктуу мамлекеттер жашап турган. Алардын эң жашы болуп саналган Кокон хандыгынын курамында кыргыз эли да болуп келгендиги белгилүү. Хандыктын тарыхы советтик аалымдар тарабынан жакшы эле изилденгендигине карабастан, анын генезиси, мүнөзү, улуттук курамы боюнча бир топ маселелер али да талаш бойдон калууда. Айрыкча кокон хандарынын генеалогиясына, мамлекеттин башкаруу системасынын калыптанышына, анын улуттук курамына жана ага байланыштуу кыргыз элинин аталган хандыкка карата атуулдук (граждандык) мамилесине, жалпы эле Кокон хандыгынын мамлекеттик маани-маңызына байланышкан маселелер кыргыз тарыхнаамасы үчүн илимий зор мааниге ээ.
Ошондуктан Кокон хандыгынын түптөнүш башаттарына бир аз тереңдеп кароого туура келет.
ХIII кылымдан 1370-жылга чейин Орто Азияны, анын ичинде Фергана өрөөнүн да бийлеген чыңгызиддердин (Чыңгыз хандын тукумдарынын) бийлигин түркө-монголдордун барлас уруусунун эмири (бийи, бийликчиси деген мааниде) Тарагайдын уулу Темир (ал тарыхта Тамерлан, Темир чолок деген ат менен белгилүү болуп, 1336–1405-жылдары жашап өткөн белгилүү өкүмдар) жеңип алып, ошол 1370-жылы Самарканда тимуриддердин сулалесин (династиясын) негиздеген. Дүйнөнүн чейрегин караткан атактуу Амир Темир Көрөгөн 1405-жылы Кытайга жортуул даярдап жатып, Отрар шаарында (азыркы Чымкент шаарынын атрабы) көз жумган. Шахруг (14071447), Улукбек (1447–1469), Султан Хусейн (1469–1505) жана акыркы тимурид Захридин Бабур (1483–1530) сыяктуу анын мурасчылары тимуриддердин сулалесин ХVI кылымдын башына чейин кармап келишти. Кылымдын башында Түркстанга Арал деңизинин түндүк талааларында көчүп жүрүшкөн 92 боолуу (уруулуу) көчмөн өзбектердин ханы Мухаммед Шейбани (Сыбани. Сыбан хандын урпагы. Сыбан Батыйдын бир уулу, ал эми Батый Чыңгыз хандын тун уулу Жоочунун перзенти) жетектеген кошуундун келиши менен бул жерде шейбаниддердин сулалеси орногон. Бул мезгилде Фергананы Султан Бабур бийлеп турчу. Ал кадимки тимуриддердин урпактарынын бири Омар Шайыхтын уулу эле. Бабур бир нече жолу шейбанид Мухаммед баштаган өзбек кошуундарынан Фергананы коргоп турду. Бирок сактап кала албады да, 1512-жылы акыркы жолу Ферганадан Ооганстанга, андан ары Индустанга чыгып кетти. 1526-жылы ал Индустандын түндүк бөлүгүн каратып алып, «Улуу моголдордун империясын» негиздегендиги белгилүү.
ХVI–ХVII кылымдарда Фергана чөлкөмү Бухарада негизделген аштарханиддердин амирлигинин (1599–1765) таасиринде жашап турган. Мавереннагрда аштарханиддердин бийлиги начардап, бөлүнүп-жарылуу (сепараттык) аракеттери борбордук бийликти жокко чыгарып турган. Көчмөн өзбектердин маңгыт, кенегес, мийанкала жана миңдер сыяктуу күчтүү урууларынын ар бири борбордук бийликти тартып алуу үчүн өз ара күрөшүп, натыйжада Мавереннагр таланып-тонолгон, экономикасы төмөндөгөн.
Мавереннагрдагы бул саясий окуялар Фергана чөлкөмүн ХVIII кылымдын башында аштарханиддердин таасиринен толук бошотту. Анын үстүнө өрөөндөгү бир топ шарттар муну камсыз кылган. Биринчиден, Фергананын Орто Азиянын башка оазистеринен айырмаланган географиялык жайгашышы (чөлкөмдүн салыштырмалуу чакандыгы, түндүгүнөн, чыгышынан, түштүгүнөн тоо кыркалары менен тосулуп, Мавереннагр менен батышында «темир капка» деп аталчу кууш өткөөл аркылуу (Кожент шаарынан төмөнүрөк чендеги Сыр-Дарыясынын алабамасы) гана байланышып турушу жана башка факторлор) бул жерде саясий баш аламандыктардын азыраак болушун шарттаган. Ошондуктан ХVIII кылымдын башында Фергана чөлкөмү түштүк батыштан келчү тышкы экспансиядан оолак эле. Экинчиден, ХVIII кылымдын башында Жызактын баш жагын, Оротөбөнү жана Кожентти (Фергана өрөөнү менен Бухаранын аралыгында жайгашкан жерлер) бийлеп турушкан күчтүү жүздөр уруусу Бухаранын чабуулдарынан көпкө чейин Фергананы сактап турган. Үчүнчүдөн, ХVIII кылымдын башында Ферганада кыргыздардан, кыпчактардан, көчмөн өзбектерден жана башка уруулардан куралган омоктуу этно-саясий күчтөрдүн жамааты калыптанган. Бул күчтөрдү Жунгар падышачылыгынын (калмактардын) кысымынын астында ХVII кылымдын аягында Теңир Тоодон көчүп келишкен кыргыздардын жаңы массасы ого бетер күчөткөн.
Фергана өрөөнү илгертеден «Аксы-Анжиян-Алай» деп үч гана бөлүккө бөлүнүп аталып келген. «Аксы» чөлкөмүнө Фергана өрөөнүнүн Нарын дарыясынын оң жак бөлүгү, же азыркы Өзбекстандын Наманган облусу, Кыргызстандын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору кирген. «Анжиян» деп Нарын менен Кара-Дарыянын ортосу, тарыхый аты Эки суу арасы же Өзбекстандын Анжиян облусу, Кыргызстандын Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондору, Өзгөн, Каракулжа райондорунун оң бөлүгү аталган. Ал эми «Алай» чөлкөмүнө Карадарыянын сол жээги, башкача айтканда Кыргызстандын Өзгөн, Каракулжа райондорунун сол жээгинен баштап, Хожент тоолоруна чейинки Ош, Баткен облустарынын аймактары, Өзбекстандын Фергана областы, Тажикстандын Хожент облусунун кай бир жерлери кирген.
Фергана өрөөнүнүн аталган үч бөлүгүнүн ичинен «Анжиян» түз келип, дыйканчылыкка көбүрөөк ыңгайлуу болгон да, так ушул чөлкөмдө отурукташкан шаар-кыштак тургундары менен тыгыз алакага кирген көчмөндөрдүн кыштоолору көп эле. Орто кылымдардан бери отурукташкан оазистер чынында Ферганада сейрек болуп, илатиййа калкынын түздүктөрдөгү сандаган кыштоолору жайгашкандыгын көптөгөн топонимикалык материалдар ырастап турат.
Кыргыздар Фергана өрөөнүнүн аталган үч бөлүгүн тең байыртадан жердеп келген көчмөн илаттийанын чоң бөлүгү экендиги маалым. Аларды тарыхта «Фергана кыргыздары» деп атаган, бирок бул термин теңиртоолук жалпы кыргыз элинен ажыратылып каралбайт, кыргыздын өзүнчө бир бөлүгү эмес. Азыркы кыргыз элинин XIV– XVII кылымдарда Фергана өрөөнүн туруктаган мезгилин чагылдыруучу гана компонентинин шарттуу аталышы катары кароо туура.
Ошентип, Орто Азиянын башка чөлкөмдөрүндө ХVIII кылымдын башында болуп турган саясий окуяларга караганда Фергананын салыштырмалуу тынчтыгы, анын чөлкөмүнүн чакандыгы, дайыма тышкы экспансиялардын объектиси болгон Бухара менен Самарканддан алыстыгы, түрдүү этносаясий жамааттардын узак мезгилдер бою бирге жашашынан келип чыккан чарбалык жана саясий тең салмактуулугу, тышкы душмандарга каршы дайыма бирге турушу жана башка ушул сыяктуу себептердин натыйжасында экономиканын жалпы жогорулашы Фергана өрөөнүндө мамлекеттин пайда болушуна ыңгайлуу өбөлгөлөрдү түзгөн.
ХVIII кылымдын башында Фергана Бухарадан саясий ажырым чөлкөм болуп эсептелип, анын түштүк-батыш бөлүгүндөгү тургундар Кожент бийи Акбото-кыргызды таанып, ал эми Фергананын борборунан чыгыш жакка карай созулган чөлкөмдөрү кожолордун теократиялык бийлигинин таасиринде болгон. Сопулардын лигасына баш ийген кожолордун борбору Чадакта (Наманган вилайетинде) жайгашкан. Ферганада көчмөндөрдүн саясий ролу улам күчөп бара жаткан шартта аларга кожолор баш ийип калышы толук мүмкүн болуп, мындай кырдаалда көчмөндөрдүн тигил же бул жамааты бийликти тартып алуу үчүн аракеттениши мыйзам ченемдүү эле. Анын үстүнө, тышкы согуштук экспансиядан коргонуу зарылчылыгы, айрыкча калмактардын басып алуу коркунучу мамлекеттик биримдикти түзүүгө негиз түзгөн тышкы өбөлгөлөрдү пайда кылган.
Кокон санжырасы боюнча 1709-жылы Фергана өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө (Маргалаң чөлкөмүндө) көчмөн феодалдардын жардамы менен Шахрух бий башкаруучу болуп жарыяланат.
Шахрух деген ким эле?
Фергана өрөөнүнүн жергиликтүү санжырачы-тарыхчыларынын, Кокон мамлекетинин хандар жөнүндөгү расмий генеалогиясы боюнча Шахрухка чейинки саясий окуялар төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт. (Кокон хандарынын генеалогиясы жөнүндөгү тарых-санжыра жергиликтүү булактарга таянып жазылган В. Наливкиндин «Краткая история Кокандского ханства» деген китебинин 48–55-беттеринен алынды. Ушундай эле гипотезаны Кокон мамлекетинин көрүнүктүү тарыхчысы Мулла Нияз Хуканди өзүнүн «Тарих-и Шахрухи» (Шахрухтардын – Кокон хандыгын негиздөөчү Шахрухтун жана анын урпактарынын – тарыхы) деген китебинде да берет. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. «Тарих-и Шахрухи»… 6-тиркеме. – 112-бет.)
Колдо бар тарыхый булактарга жана изилдөөлөргө негизденип, Шахругдун түпкү теги кадимки Чыңгызхандын бабасы Бодончарга такалганын танууга болбойт…
Кокон хандыгынын акыркы ири хандарынан болгон Кудаяр хан Кокондук Молдо Нияз (өзбектерден чыккан ордо тарыхчысы), Зиябидин Максум (кыргыздардын төөлөс уруусунан чыккан тарыхчы аалым) сыяктуу окумуштууларга Кокон хандарынын генеалогиясын, династиянын түпкү тегин такташтырууга буйрук берип, китеп жаздырган. Ал китептердин негизинде Кокон хандарынын династиялык генеалогиясын төмөндөн жогору карай төмөнкүдөй ирээтке келтирүүгө болот.
Кудаяр хан, атасы Шералы хан, атасы Ажы бий, атасы Абдурахман бий, атасы Абдукерим бий, атасы Шахрух бий, андан ары – Шахмаст бий, Султан Асыл, Абулкасым, Мухамед-Амин бий, Кудаяр султан (Теңир жар), Султан
Илек (Алтын Бешик), Бабур падишах, Мирза Омар шейх, Мирза Султан Мухаммад, Абусаид, Мираншах, Амир Темир, Амир Тарагай, Амир Баркул, Амир Илингиз, Амир Анджил, Караджар нойон, Амир Сугуджин, Баруки хан, Ирумджи барлас хан, Кажулу батыр, Бартан хан.
Бартан хандын 10 уулунун бири Есугэй, кичүүсү Кажулу болгон. Есугэйден Темучжин (Чыңгыз хан), Кажулунун 9 урпагы Темирлан.
Андан ары Бартан хан, анын атасы Кабул хан, анын атасы Туман хан, анын атасы Байсункар хан, анын атасы Кайду хан, анын атасы Дутумнин хан, анын атасы Бука хан, анын атасы Бодончар.
Бодончардын энеси легендарлуу Алан Гоа, ал эми атасы энесайлык кыргыз Малик Баяуд болгон. Малик Баяуддун эне сайлык кыргыз экендигин француз окумуштуусу Реплю, немец окумуштуусу Рачневски, орус окумуштуулары Березин жана Кычановдор тактап чыгышкандыгы маалым.
Кокон хандарынын генеалогиясында легендарлуу Алтын Бешиктин олуттуу орду бар.
Алтын бешик
1610-жылы шейбанид Мухаммед өлгөндөн кийин ошол кезде Кабулду ээлеп алган Бабур тимуриддердин бийлигин кайрадан ордуна келтирүү үчүн перстердин жардамы менен Самаркандды кайтарып алган. Бирок, 1511-жылы Мухаммеддин тууганы Убайдулла хандын кошууну менен болгон салгылашта катуу талкаланат да, уулун, эки аялын, казынаны алып, бир топ нөкөрү менен Индустан тарапка качууга аргасыз болот. Бабур Самарканддан Индустанга карай негедир түз эмес, Фергананын түшт үгүндөгү тоолор аркылуу өткөн. (Алай тоолорундагы Терек Даван менен өткөн деген да фактылар бар. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история…-48-бет.) Бабурдун Индустанга ушул жолду тандап алышына бул чөл көмдөрдөгү салыштырмалуу тынчтык таасир этип, а мүмкүн ал туулуп-өскөн сүйүктүү мекени менен акыркы жолу коштошуп кеткиси келгендир… Айтор, султан Бабур Кожент менен Канибадамдын аралыгында жайгашкан тоо этектерине келгенде (азыркы Лейлек, Баткен райондорунун чөлкөмдөрү) кош бойлуу аялы Сейдафак көз жарат. Жолдун алыстыгы менен куугундан чочулаган Бабур ымыркайды жол боюна баалуу буюмдар салынган кисеси жана алтын жалатылган тоголуу кемери (куру) менен кошо таштап кеткен. Бул жерлерде кыргыздардын, кыпчактардын жана көчмөн өзбектердин уруулары көчүп жүрүшкөн болучу. Баланы таап алышкан жергиликтүү тургундар, анын Бабурдун тукуму экендигин баамдашып, кошо калтырылган баалуу буюмдардын эсебинен багып чоңойтууну чечишет. Балага Алтын Бешик деген ысым берилип, көчмөн өзбектердин миң уруусунун ичинен эмчек эмизүүгө макулдугун берген бир аялга ымыркайды тапшырышат. Бул окуя 1512-жылы болгон.
Жергиликтүү көчмөндөр ымыркайдын кадимки Бабурдун насили экендигин көпкө чейин жашырып келишкен. Себеби, тимуриддердин сөөк өчтү душмандары шейбаниддер муну өлтүртүп коюшу толук ыктымал эле. Кийинки саясий күрөштөрдө кереги тийер деген үмүттө Алтын Бешиктин эрезеге жетиши менен ага төрт уруудан: кыргыздан, кыпчактан, жүздөн жана миңден төрт аял алып беришкен. Бабур Индустандан жашыруун түрдө атайын кишилерди жибергендигине карабастан жергиликтүү уруулар Алтын Бешикти берүүгө макул болушпагандыгы булактарда маалымдалат. Бул саясий мааниде түшүндүрүлүшү мүмкүн. Кийинчерээк негизинен миңдердин арасында чоңоюп, эрезеге жеткендиктен Алтын Бешик миң уруусунун бийи катары таанылат да, Аксы шаарында урмат-сый менен жашап калат. Саясий аренага чыгууга үмүтү зор миңдердин Алтын Бешикти жана анын урпактарын пайдалануусу саясий мааниси бар мыйзам ченемдүү аракет болучу. Ошол эле учурда айта кетүүчү нерсе – Кокон хандарынын түпкү атасы болгон Алтын Бешиктин миңдерден башка дагы кыргыздардын, кыпчактардын жана жүздөрдүн арасында ардак менен чоңоюшу, аларга күйөө бала болушу, кийинки мезгилдерде аталган төрт жамааттын өкүлдөрүнүн Кокон ордосунун бийлик чөйрөсүнө катышуусуна, саясий күрөштөргө активдүү киришкен кыргыздардын да, кыпчактардын да бийликке келүүсүнө расмий укук берген.
Алтын Бешик миң уруусунан алган улуу аялынан Теңиржар аттуу перзент көргөн. Убагында Алтын Бешик Касан шаарында төрөлүп, Самаркандда жашаган ыйык кожо Магзум Агзамдын мюриди болгон. Санжырада 1540-жылы Аксыкентке келген кожо Теңиржарга колдоо көрсөтүп, аны тарбиялоого өзүнүн тууганы ыйык Низам кожону таштап кеткен делинет. Ферганадагы саясий бийликти колуна кармап турган кожолордун лигасынан колдоо алган Теңиржар атасы Алтын Бешик өлгөндөн кийин Ферганага бий болуп жарыяланат. Бул окуя 1597-жылдан кийин гана болушу мүмкүн, себеби, шейбаниддерден чыккан Бухаранын акыркы ханы Абдымомундун өлүмү менен ушул жылдары Фергана өз алдынча чөлкөм болуп калган.
Теңиржардын тукумдары кийинчерээк Аксыда жашабай калган. Бийликти колдон чыгаруудан чочулаган кожолордун лигасы Теңиржардын урпактарын кийинчерек бул жерден сүрүп чыгарышса керек. В. Наливкиндин божомолунда Теңиржардын тукумдарынын кийинки байтактысы Маргалаң болгон.
ХVI–ХVII кылымдардын ичинде Алтын Бешиктин төмөнкү урпактары Фергананын бийи деген наамды алып келишкен: Жар Мухаммад, Абылкасым, Убайдулла (Султан Асыл бий), Чамаш бий (Шах Маст бий), Шахрух бий, Рүстөм бий. Акыркы бий 1694-жылы бийликке келген.
Андан эки бала калган: Пазыл аталык жана Ашыркул. Рүстөм бийдин ордун Ашыркул ээлейт, анын уулу Шахрух бий 1709-жылы бийликке келет жана Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат.
Теңиржар бийдин тушунда Фергана чөлкөмү бүтүндөй анын бийлигин тааныган болсо да, кийинчерээк кожолордун таасиринин күчөшүнө жана бийлердин саясий пассивдүүлүгүнө байланыштуу ХVIII кылымдын башында Теңиржардын урпактарынын бийлигинде Маргалаң чөлкөмү гана калып, ал эми Фергананын көпчүлүк бөлүгү кожолордун таасирине кирген. Ушундай кырдаалда бийликке келген Шахрух бий алгач 1709-жылы Риштанды (Өзбекстандын Фергана облусундагы тажиктер жашаган кыштак) караткан. Ушул жагынан алып караганда Шахрух бийдин Кокон хандыгынын негиздөөчүсү деп аталып калышы күмөндүүлүктү туудурат. Анткени, ал мезгилде Кожентти бийлеген кыргыздын саруу уруусунун кырк уул уругунан чыккан Акбото бий Шахрухка караганда саясий жана согуштук жактан күчтүүрөөк болгондугу маалым. (Караңыз: Кокон хандарынын генеалогиясы жөнүндөгү тарых-санжыра жергиликтүү булактарга таянып жазылган В. Наливкиндин «Краткая история Кокандского ханства» деген китебинин 48–55-беттеринен алынды. Ушундай эле гипотезаны Кокон мамлекетинин көрүнүктүү тарыхчысы Мулла Нияз Хуканди өзүнүн «Тарих-и Шахрухи» (Шахрухтардын – Кокон хандыгын негиздөөчү Шахрухтун жана анын урпактарынын – тарыхы) деген китебинде да берет. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. «Тарих-и Шахрухи»… 6-тиркеме. – 112-бет.)
ХVIII кылымдын башында Коженттин бийлөөчүсү Акбото бий Шахрухтун кызына үйлөнүп, Кокон амирлигинин негиздөөчүсүнүн күйөө баласы болгон. Көчмөн дөрдүн салтында күчтүү бийлөөчү гана башка бир атаандашынын кызын аялдыкка алуусу шарт экендиги ырас. Мындан биз Шахрухтун бийликке келишине Акбото бийдин чоң жардамы тийгендигин божомолдообуз мүмкүн. Бул окуяда миңдер менен кыргыз бийлеринин бийлик сересиндеги убактылуу биримдиги чагылган. Ага биринчиден туугандык шарт, экинчиден кожолордун теократиялык бийлигинен кутулууга болгон жалпы аракет себеп болгондой…
Ошентсе да Шахрух бий кожолор менен туугандашууну көздөмүш этип, 1718-жылы Чадактан чоң кожону чакыртып, аны миң уруусунун кызына үйлөнтмөк болот. Бирок, Шахрух келген меймандардын баарын мууздатып, капыстан Наманган чөлкөмүн басып кирет да, бийлигин Фергана өрөөнүнүн күңгөй тарабына жайылтат. Кийинчерек Шахрух бий Кухкенд (чочкосу көп жер) деген камыш баскан саздуу жерге сепил курдуруп, ал Эски-Коргон деп аталган. (Караңыз: Ибрат. Фергана тарихи. Тарихий эссе.//Мерос. – Т., 1991. – 285-бет.)
1721-жылы Кокон хандыгын негиздеген Шахрух бий дүйнөдөн кайткан. Анын ата-бабалары ХVI кылымдын башынан бери миң уруусунун расмий бийи аталып келишкендиктен, кийинки адабияттарда, айрыкча, советтик тарыхнаамада Кокон хандыгын негиздегендер көчмөн өзбектердин миң уруусунун бийлери болгон, ошого байланыштуу «Кокон хандыгы өзбектердин хандыгы» деген түшүнүк калыптанган. Чынында 1709-жылдан 1803-жылга чейин өзүлөрүн бий деп атап келишкен Кокон башкаруучулары ата жагынан тимурид, ал эми эне жагынан миңдер болуп чыгышат. Кокон ханы Алим хандын (1798–1810) тушунда калыптанган генеалогиялык санжырада тимурид тукуму Алтын Бешикти асырап алышкандар деп миңдердин, кыргыздардын, кыпчактардын жана жүздөрдүн (кээ бир булактарда түрктөр да кошулат) аталышы, алардын Фергана чөлкөмүндө ХVI кылымдан баштап эле саясий чөйрөдө тең аталык укукка ээ болгондугунан кабар берет.
Шахругдун ата-бабалары ХVI кылымдын башынан бери миң уруусунун расмий бийи аталып келишкендиктен, кийинки адабияттарда, айрыкча, советтик тарыхнаамада Кокон хандыгын негиздегендер көчмөн өзбектердин миң уруусунун бийлери болгон, ошого байланыштуу «Кокон хандыгы өзбектердин хандыгы» деген түшүнүк калыптанган. (Биз булактардан жана жаңы доордогу илимий эмгектерден Кокон хандыгы өзбектердин гана хандыгы деген ырастоону таптакыр кезиктире албадык.) Чынында 1709-жылдан 1803-жылга чейин өзүлөрүн бий деп атап келишкен Кокон башкаруучулары ата жагынан тимурид, ал эми эне жагынан миңдер болуп чыгышат. Кокон ханы Алим хандын (1798–1810) тушунда калыптанган генеалогиялык санжырада тимурид тукуму Алтын Бешикти асырап алышкандар деп миңдердин, кыргыздардын, кыпчактардын жана жүздөрдүн (кээ бир булактарда түрктөр да кошулат) аталышы, алардын Фергана чөлкөмүндө ХVI кылымдан баштап эле саясий чөйрөдө тең аталык укукка ээ болгондугунан кабар берет.
1709-жылдан 1876-жылга чейин жашаган Кокон мамлекетинин өнүгүүсүн үч чоң доорго бөлүп кароо ылайыктуу. Алар төмөнкүлөр:
- 1709–1800-жылдар – Кокон мамлекетинин түптөлүшү. Бул мезгилде кокон амирлиги өз алдынча мамлекет катары саясий-административдик жактан калыптанып бүткөн, социалдык-экономикалык жактан чыңалган. Фергана чөлкөмү Кокон мамлекетине биротоло бириккен.
- 1800–1840-жылдар – Кокон хандыгынын өнүгүү жана гүлдөө мезгили. Бул жылдары Кокон мамлекетинин саясий-административдик жактан андан ары өнүгүүсү менен өз алдынча ички-тышкы саясаты чыңдалган. Фергана өрөөнүнүн экономикалык абалы бекемделген. Кокон хандыгы Фергана өрөөнүнөн сырткары жактарга чөлкөмдүк жагынан кеңейген.
- 1842–1876-жылдар – Кокон мамлекетиндеги социалдык-саясий кризистердин күчөшү жана хандыктын кулашы. Бул мезгилде социалдык, феодалдык жамааттар аралык карама-каршылыктардын өсүшү, мамлекеттик түзүлүштүн толук реформаланбагандыгы, борбордук бийликтин феодалдык эзүүсүнүн күчөшү, саясий кризистерге, атуулдук кагылыштарга, көтөрүлүштөргө алып келген да, 1873–76-жылдардагы элдик кыймыл Кокон мамлекетин кулаткан. Фергана өрөөнүн орус колонизаторлору каратып алган.
Төмөндө Кокон тарыхынын 3 дооруна кыскача сереп салалы. Кокон хандыгын 1709-жылдан 1876-жылга чейинки тарыхында 18 бий жана хан башкарган. Бирок, биз төмөндө расмий хан деп таанылгандарын гана карап өтөбүз.
Биринчи доордогу ири Кокон башкаруучулары: Шахрух бий (1709–1721), Абдурахим бий (1721–1734), Абдукерим бий (1734–1747), Эрдэне бий (өз аты Абдул Каюм, 1750–1769), Нарбото бий (өз аты Абдул Хамид, 1770–1798). 1721-жылы Кокон хандыгын негиздеген Шахрух бий дүйнөдөн кайткан.
Кокон мамлекетинин негиздөөчүсү Шахрух бийден үч уул: Абдурахим, Абдукерим жана Шады калган. Атасынын ордун улуу уулу Абдурахим бий (1721–1734) ээлеген. Атасы дүйнөдөн кайтканга чейин Абдурахим бий Коженттин башкаруучусу Акбото бийдин колунда тарбияланган. Кожент вилайети ал кезде Бухарадан да, Чадактын кожолорунан да көз карандысыз өз алдынча болуп, анда Маматраим аталыктын уулу Акбото бийлик кылып турган. Акбото бий кайнатасы Шахрух дүйнөдөн кайтканга чейин эле кайниси Абдурахим бийге Кожентти бийлөө укугун бөлүштүргөн. Бирок, тың кайнисинин бул жердеги аброюнун өсүп кетишинен жана анын бийликти толук алып коюшунан чочулаган Акбото Абдурахимди тындым кылууга буюрат. Муну билип калган Абдурахим бий атасы тарапка качып жөнөйт. Акбото бийдин Кыргыз паңсат баштаган жүзгө жакын жигити менен ШумКоргондогу беттешүүдө Абдурахим бий бошонуп чыгат. Шахрух бий уулу менен күйөө баласын жараштырууга жетишет, бирок көп өтпөй өзү дүйнөдөн кайтат. Атасынын ордун 1721-жылы ээлеген Абдурахим бий, ичинде кеги калгандыктан 1725-жылы Акбото бийди эки уулу менен жашыруун өлтүртөт да Кожент вилайетин Кокон ээлигине кошот. Инилери Абдыкеримди Кожентке, Шадыны Маргалаңга бек дайындайт. Абдурахим бий кийинки жылы Оро-Төбөнү, Анжыянды, 1729-жылы Самарканд менен Катта-Курганды караткан. Булактарда «Самарканд бул мезгилдерде 6 жылга жакын кыргыздардын колунда болгон» деген маалымат бар. (Караңыз: Галицкий В.Я., Плоских В.М. Старинный Ош. – Ф., 1987. – 40-бет.) Биздин оюбузча бул жерде сөз Абдурахим бий менен кошо барышкан кыргыз кошуунунун 1729–34-жылдарда Самаркандда турушу жөнүндө болуп жатса керек.
Аталган жеңиштер жаш Кокон мамлекетинин согуштук күчүнөн эмес, көбүнчө каратылып алынган чөлкөмдөрдөгү саясий араздашуулардын натыйжасында жергиликтүү бийликтердин начарлагандыгына байланыштуу болгон. Анын үстүнө Абдурахим бий Бухара эмираты менен араздашып жаткан шахрисябздык кенегес уруусунун бийи Хаким Бухаринин кызы Ай-Чучук айымга үйлөнүү аркылуу миң-кенегес өнөктөшүн түзгөн. Бул саясий келишүү ХIХ кылымдын 60-жылдарына чейин созулган. Абдурахим бий Самарканддан Кожентке келгенден кийин 1734-жылы өзү Акбото бийди өлтүрткөн ордодо киши колдуу болуп көз жумган.
Абдурахимдин бийлик кылган жылдарында ЭскиКоргондун ордуна Кокон ордосу негизделген. Тарыхый булактарда ХVIII кылымдын 30-жылдарына чейин бул жерде шаар болбогондугу айтылат.
Абдурахимдин ордун иниси Абдыкерим бий (1734– 1747) ээлеген. Фергананын башкаруучусу болуп жарыялангандан кийин ал көп өтпөй Коженттен Эски-Коргонго көчүп келген да, жаңы шаар салдырып, аны Кокон деп атаган. Ушундан баштап хандыктын бай тактысы биротоло ушул жерде жайгашып калган. Жергиликтүү булактарда Кокон шаарынын негизделишин 1740-жыл деп белгилешет. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история… – 59-бет.)
1741–50-жылдары калмактар Фергана өрөөнүн бир нече жолу басып киришкен. Мындай тышкы коркунучтун мезгилинде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү (союзу) түзүлгөн. Кокон бийи Абдукерим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бий жүз, ферганалык кыргыздар жана кыпчактар менен бирдикте калмактарды Ферганадан кууп чыгарышкан. Айыгышкан күрөш айрыкча Аксы тарапта болгон. Бул жерде кыргыздардын кутлук сейит уруусу калмактарга активдүү каршылык көрсөткөндүгү маалым.
Абдукерим бий өмүрүнүн акырында Кожентте жашап турган. Андан бир гана уул Абдурахман бек калган. Абдукерим 1747-жылы дүйнөдөн кайткандан кийин жергиликтүү феодалдар Абдукерим бийдин уулу Абдурахманды хан көтөрүшөт, бирок, ал жаштык кылып, бийлик жүргүзө алган эмес. Ошондон кийин алар Абдурахим бийдин кичүү уулу Эрдэнени хан көтөрүшкөн. Бул мезгилде Эрдэне эки жолу Оро-Төбөгө жортуул уюштурган. 3 жыл чамасы абасы Абдыкеримдин уулу Абдурахман менен так талашкан жана акырында аны өлтүрүп тынган. Абдурахман бектин үй-бүлөсү Шахрисябзга качып кеткен. Кийинчерек хан тагын улуусу ээлөө керек экендиги жөнүндөгү илгерки салт боюнча кыргыз бийлери Чыгыш Түркстанда калмактардын колуна барымтага кеткен Эрдэненин агасы Баба бийди Коконго алып келишип, 1752-жылы тактыга олтургузган. Бирок, 10 айдан кийин Баба бек Беш-Арыкта өлтүрүлүп, тактыны жергиликтүү феодалдардын жардамы менен баары бир Эрдэне бий ээлеп алган.
Эрдэне бий бийлик кылган жылдар (1748/53–69) Кокондун кубаттуу мамлекетке айлануу мезгили болду. 1740-жылдары пайда болгон кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгүн Эрдэне бий менен түштүк кыргыздарынын таасирдүү башкаруучусу Кубат бий кушчу улантышып, анын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө калмак баскынчылары кире алган эмес. 1855-жылы Кубат бий Цинь империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча Чыгыш Түркстанга кеткенден кийин, 1758-жылы Эрдэне бий адыгине уруусунун бийи Ажы менен өнөктөштүк түзгөн.
1759–60-жылдарындагы кытай географтарынын берген маалыматтарына караганда Фергана чөлкөмү Анжыян, Наманган, Маргалаң жана Кокон вилайеттерине бөлүнүп, ал эми Оро-Төбө, Кожент кээде Коконго, кээде Бухарага баш ийип, анда-санда өз алдынча да болуп турган. 1755–58-жылдары Цинь империясы Чыгыш Түркстанды каратып алгандан кийин Кокон-Кытай дипломатиялык байланышы түзүлөт. Эрдэне бийдин мезгилинде Фергана өрөөнүндө экономикалык абал жакшырат. Алык-салык системасы тартипке келтирилет. Кокон салыштырмалуу чоң шаарга айланып, 1760-жылы мында 20 миңден ашуун түтүн эл жашаган, 4 медресе, караван сарай курулган.
Эрдэне бийдин беш кызы болуп, уул калбаган. Ушуга байланыштуу ал Нарботону чакыртып, алгач Кокондун жанындагы Кара-Төбө кыштагына жашоого уруксат берген. Кийинчерээк ал Кокон тактысын ээлеген. Нарбото бийдин (1770–1800) тушунда Кокон мамлекетинин калыптануу процесси акырындык менен аяктай баштайт. Нарбото бийдин аталаш инилери Шахрух бий менен Ажы бийдин энеси чаткалдык кыргыздардан болгон. ХVIII кылымдын акыр ченинде Ажы бий Наманган вилайетине бектик кылып турган. 1798-жылы ал агасы Нарбото бийге каршы козголоң уюштурат. Бирок, талкаланып калып, чаткалдык таякелерине качып кетет. Мына ушул мезгилден баштап Кокон мамлекети Фергана чөлкөмүндө салыштырмалуу туруктуу административдик түзүлүшү бар өлкөгө айланат жана анын чөлкөмдүк калыптануусу аяктайт. Ошентип, ХVIII кылымдын башында пайда болгон көз карандысыз кичинекей Кокон ээлиги Фергана өрөөнүн бүтүндөй камтыган хандыкты түзүп калат.
Экинчи доордогу кокон хандары: Алим хан (1800– 1810), Омор хан (1810–1822), Мадалы хан (1822–1842).
ХIХ кылымдын башында Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен. Алим бийдин биринчи жолу өзүн «хан» деп жарыялашы, анын эл аралык мамилелерде Кокон хандыгын толук символикалары бар мамлекет катары таанытууга болгон аракети эле. Биринчи эле кадамды Алим хан такка атаандаш болууга мүмкүн деп эсептеген өз туугандарын жок кылуудан баштаган. Алгачкылардан болуп атасынын иниси Ажы бийдин башы кеткен. Ажы бийдин артынан Алим хандын алысыраак тууганы Бекбото, андан кийин Канибадамдын жаңы коюлган акими Рүстөм бек мууздалган. Ордодо өзүнүн жеке бийлигин кан менен бекемдеген Алим хан өлкөнүн, калктын тынч өнүгүүсүнө, экономиканын чыңалышына кам көрбөстөн, түз эле тышкы басып алуучулук саясатка жүз бурган.
Ошол жылдары Чусттун башкаруучусу Бузурук кожо көтөрүлүш чыгарып, 1803-жылы Ташкент акими Жунус кожо Ферганага басып кирген. Жүздөр Кожентти кайра тартып алышкан. 1798-жылдан 1805-жылга чейин созулган жети жылдык согушта Алим хан жеңип чыккан да, ошондон баштап бүтүндөй Фергана өрөөнү жана Кожент чөлкөмү Кокон амирлигин таанып калган.
Алим хандын ички саясатынын дагы бир орчундуусу – согуштук реформа болгон. Жергиликтүү шаар-кыштак калкынан жана традициялуу көчмөндөрдөн куралган армиянын ордуна тоолук тажиктерден (галчалардан) куралган 10 миңге жакын атчан регулярдуу армия түзгөн. Аларды мылтык, замбирек менен куралдандырган. Алим хандын Кокон хандыгын кеңейтүүгө кылган аракеттери да бир топ орундалган. 1806-жылы Оро-Төбөнү, 1808-жылы Кураманы, 1809-жылы Ташкентти басып алган. Бирок, Сыр-Дарыянын түштүк агымына жортуулга даярданып жатканда козголоңчулардын колунан каза тапкан.
Алим хандын иниси Омор хандын (1810–1822) тушунда галчалардын күчү менен басып алуучулук саясат улантылган. 1816-жылы Түркстан шаары алынып, Сырдын төмөнкү агымы кокондуктардын колуна өттү. Омор хан өзүн негизинен ички саясатта көрсөткөн. Мамлекеттин экономикасы жөнгө салынып, казына байыган.
Омор хандын жана анын уулу Мадалы хандын (1822–1841) мезгили Кокон мамлекетинин социалдыкэкономикалык, саясий гүлдөө доору болгон. Фергананын экономикасы өнүккөн. Ири ирригациялык курулуштар салынган. Салыштырмалуу тынчтык жана экономикалык өнүгүш Фергана өрөөнүнүн көчмөндөрү болгон кыргыздардын, кыпчактардын, түрктөрдүн жана башкалардын отурукташуусуна шарт түзгөн. Жаңы шаарлар түптөлгөн. Кокон шаарынын ички шарты жакшырып, Омор хандын мезгилинде ал түгүл оорукана да салынган. Шаарда башкы мечит, хандар көрүстөнүнүн ансамбли жана башка имараттар түшкөн.
Бул мезгилде Кокон мамлекетинин чөлкөмү кеңейип, өзүнүн эң жогорку чегине жетти. 1830-жылдары Коконго Фергана өрөөнү, Памирдин бир топ элдүү райондору, Тоо луу Бадахшан, Кожент, Жызак, Ташкент, Түштүк Казакстан, Кыргызстандын бардык аймактары, Кашкар оазисинин белгилүү бөлүгү карап турган. Тышкы саясатта 1832-жылы Кокон-Пекин келишими чоң ийгилик болгон.
Кокон мамлекетинин өнүгүү жемиштери эрки жок Мадалынын акыркы жылдарында кайрадан төмөндөй баштаган. Борбордук бийликти чыңоо менен иши болбой калган Мадалы көңүл ачууга берилип кеткен. Ордодогу бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүшкөн феодалдык жамааттардын Ташкенттеги, Бухарадагы жана Шахрисябздагы эмиграцияда жүргөн оппозиционерлери Бухара эмири Насрулладан жардам сурап кайрылышкан. Ушуну гана күтүп турган Насрулла 1841-жылы Коконго басып кирип, 1842-жылы Фергана чөлкөмүн ээлеп алган. Кокон таланган. Мадалы хан жана анын бир туугандары өлтүрүлгөн. Кокон тактысына марионет Ибрагим Хайал коюлган.
Бирок, Бухара эмираты Кокондо бийликти көпкө кармап тура алган жок. Себеби, Фергана чөлкөмүндө буга жол бербөөгө чамасы жете ала турган көчмөн кыргыздардын жана кыпчактардын кубаттуу күчү бар эле. Натыйжада кыргыз бийлери тактыга мураскор издешип, Ажыбай датканыкында жүргөн 50 жаштагы Шералыга токтолушат. Кыргыз бийлеринин бул демилгесин саруулардын кыркуул уруусунун бийи Нүзүп ишке ашырган. 1842-жылы жай айларында ал кол курап, Шералыны Аксыга алып келет да, Сафид-Булан деген мазарда ак кийизге салып хан көтөрөт. Түштүк кыргыз урууларынын күчү менен Шералы тез эле тактыны ээлеген.
Үчүнчү доордогу хандар: Шералы хан (1842–1844), Кудаярдын биринчи хандыгы (1844–1858), Мала хан (1858–1862), Кудаяр хандын экинчи хандыгы (1862– 1863), Султан Сейит хан (1863–1865), Кудаярдын үчүнчү хандыгы (1865–1875), Насирдин хан (1875) жана ИскакПолот хан (1875–1876).
Кокон мамлекетинин тарыхындагы үчүнчү доор хандыктын акырындык менен төмөндөшүнө жана кулашына алып келген. Социалдык-экономикалык өнүгүү болгону менен ички саясий карама-каршылык, мамлекеттик аппараттын толук түзүлбөгөндүгү, 1840-жылдардын орто ченинен баштап өлкөдө узакка созулган саясий кризистерди пайда кылган. Ордо кыргыз жана кыпчак феодалдарынын бийлик талашуу оюнунун аренасына айланып калган. Натыйжада көптөгөн көтөрүлүштөр, феодалдык бийлик талашуулар жана жаатташтык кагылышуулар, төңкөрүштөр пайда болгон. Хан өзү, ордо бийликтери, феодалдар жалпы элге жек көрүндү күчкө айланып, феодалдык эзүүнүн күчөшү 1873–1876-жылдардагы ири элдик кыймылды туудурган. Чөлкөмдөрүн биринен сала бирин жоготкон Кокон хандыгынын айыкпас оору сыңары болуп калган саясий тополоңдорунун өнүгүшүн байкап турган Орусия империясы 1875-жылы ыңгайлуу шарттарды пайдаланып, Фергана өрөөнүн басып кирген. Ошентип, Кокон хандыгы жоюлуп, анын бүтүндөй ээликтерин Орусиянын курамына киргизүү 1876-жылы жай айларында аяктаган.
Кокон хандыгынын этносаясый түзүлүшү жана кыргыз бийлеринин мамлекеттик башкаруудагы орду
Кыргыз бийлеринин, жалпы эле кыргыздардын Кокон хандыгындагы ролун хандыктагы этносаясый карымкатнаштан таамай көрүүгө болот. Түштүк кыргыз уруулары, жарым көчмөн, көчмөн башка уруулар жашаган чөлкөмдөр Фергана өрөөнүн курчаган тоо этектеринде, түздүктөрдө болуп, ошол эле учурда отурукташкан сарт, тажик жана башка шаар-кыштак тургундары менен көп учурда аралаш жайгашкан. Ошондуктан бул аталган этникалык жамааттардын жашоосун, экономикасын, саясий өнүгүүсүн, жадагалса, маданий байлыгын да бөлүп кароого болбойт. Фергана өрөөнүндө тээ байыртадан эле саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми байлыктын негизги бөлүгү отурукташкан калкта топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша жашап, бири-бирисиз өнүгө албаган, отурукташкан жана көчмөн эки калктын уникалдуу жуурулушун, башкача айтканда тиричиликтин ферганалык вариантын калыптандырган.
Фергана чөлкөмүндө орто кылымдардан бери жашаган кыргыздардын оң, сол жана ичкилик урууларынын өкүлдөрү, өрөөндүн түздүк талааларын турак кылган кыпчактар (кыргыз-кыпчактар, нойгут-кыпчактар, жетикашка кыпчактар жана башкалар), жарым отурукташкан түрктөр, каракалпактар менен карамуруттар, XVI кылымдан баштап бул жакка келишкен көчмөн өзбек уруулары кийинчерээк көчмөндөрдүн «илатиййа» деп аталган күчтүү этно-саясий жамаатын пайда кылган. Тышкы душмандардан коргонуу зарылчылыгы «илатиййа» курамынын түрдүү өкүлдөрүн чечүүчү кырдаалдарда биригүүгө мажбурлаган.
Кокон мамлекетинин тарыхы боюнча эң ири жана толук булак катары эсептелген Мулла Нияз Хукандинин «Тарих и-Шахрухиясынын» маалыматтарына караганда бул жерде негизинен эки гана калк: «сартиййалар» менен «илатиййалар» жашаган (Караңыз: Мулла Нияз Мухаммед… Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. – Казань, 1885.) Бирок, китепте төмөнкү түрдүү этнонимдер учурайт: сарттар (түпкү мааниси социалдык термин болсо да кээде этникалык мааниде да колдонулуп жүрөт), миңдер, жүздөр, кырктар, кыргыздар, кыпчактар, тажиктер, казактар, түрктөр, түркмөндөр, каракалпактар, курамалар, кенегестер, калмактар, арабдар жана башка; жерине карата айтылган этностор: самаркандилер, кухистанилер, каратегиндиктер, вахандыктар, дарваздыктар, бадахшандыктар, шугнандыктар, рушандыктар, читралдыктар, гунттуктар, ирандар, афгандар жана башка; этносогуштук мааниде колдонулган тоолук тажиктер – галчалар.
Аталган этнонимдердин Мулла Нияздын китебинде кайталаныш жыштыгы боюнча биринчи – сарттар, экинчи – кыргыздар, үчүнчү – кыпчактар алдынкы орунда турушат. Китепте «өзбек» деген аталыш кезикпейт. Себеби, көчмөн өзбек уруулары миңдер, кырктар, кенегестер деген сыяктуу этнонимдер менен аталышып, ал эми отурукташкандары «сарттар» деген категорияга кирип кетишкен. Бул факт жогорку үч этностун Кокон мамлекетиндеги экономикалык жана саясий ролун көрсөтөт. «Сарт» термини социалдык-этникалык маани катарында китепте көбүнчө экономикалык маселелерди сүрөттөгөндө колдонулса, «кыргыз», «кыпчак» деген этнонимдердин саясий окуяларга байланыштуу айтылгандыгы байкалат.
Бул экономикалык карым-катнаштын өнүгүүсү мезгил-мезгили менен саясий күрөштөрдүн чыгып турганына карабастан бир эле учурда саясий стабилдүүлүктү да, тең салмактуулукту да пайда кылган. Кокон тарыхы жөнүндөгү булактарга негизденип, анын тарыхында зор саясий таасирге ээ болгон 4 саясий күчтү: сарттар, миңдер, (өзбектер), кыргыздар жана кыпчактарды көрө алабыз. Эгер саясий күч «сарттар» негизинен «сартиййаны» камтыса, кыргыздар жана кыпчактар «илатиййаны» камтыган. Саясий күч миңдер (өзбектер) XVIII кылымдын ичинде көчмөн феодалдык топту түзүп, «илатиййага» кошулса да, XIX кылымдын ичинде алар акырындап отурукташкан «сартиййанын» курамына кирип кетишкен. Бул күчтөр Кокон тарыхынын ар бир урунттуу доорлорунда саясий бийликтин ар кандай баскычында туруп, ордо иштеринде активдүү аракеттерде болгон.
1709-жылдан 1876-жылга чейин 167 жыл өмүр сүргөн Кокон мамлекетинин өнүгүүсүндө кыргыздардын жана кыргыз бийлеринин ролу зор экендигин көптөгөн тарыхый маалыматтар ырастап турат.
Мындай мисалдарды Кокон хандыгынын биринчи күндөрүнөн баштап эле көрүүгө болот. ХVIII кылымдын башында Коженттин бийлөөчүсү кыргыздардан чыккан Акбото бий болгондугу тарыхый булактарда маалым. Булактарда Акботону кээде кыргыз, кээде көчмөн өзбек деп жазышат. (Караңыз: Мисалы В. Наливкин аны кыргыз деп берет. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история… – 57, 71-беттер.) Жүз уруусунун бийи катары таанылган бул башкаруучу кыргыздардын сол канатындагы саруу уруусунун кырк уул уругунан (Караңыз: Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1993. – 150-б.; ОТСА. Фонд «Киргиз – Кайсацкие дела». 1762–1775. 122 / 2-описи, 14-иш, 269–271-барактар.) чыгып, кийин көчмөн өзбектердин жүз уруусунун бийи болууга жетишкендиктен аны булактар Акбото бий жүз (Акбото бий юз) деп атап келишкен. Акбото бийдин кыргыз экендигин аныктоочу фактылар катары, анын нөкөрлөрүнүн, жигиттеринин, кол башчыларынын (Кыргыз Паңсат) кыргыздардан болгондугун белгилөөгө болот. Акбото бий Кокон мамлекетин негиздөөчүсү Шахрухтун кызына үйлөнүп, анын күйөө баласы болгон. Көчмөндөрдүн салтында күчтүү бийлөөчү гана башка бир атаандашынын кызын аялдыкка алуусу шарт экендиги белгилүү. Мындан биз Шахрухтун бийликке келишине Акбото бийдин чоң жардамы тийгендигин божомолдообуз мүмкүн. Бул окуяда көчмөн өзбек уруулары миңдер менен кыргыз бийлеринин бийлик сересиндеги убактылуу биримдиги чагылган. Ага биринчиден туугандык шарт, экинчиден кожолордун теократиялык бийлигинен кутулууга болгон жалпы аракет себеп болгон.
Кокон башкаруучусу Абдыкеримдин (1735–1751) мезгилинде жунгарлардын баскынчылыгына каршы биргелешип сокку уруу үчүн кокон бийликтери менен түштүк кыргыздарынын таасирдүү башкаруучусу Кубат бий кушчу хандыктын алгачкы мезгилинде пайда болгон кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгүн кайрадан калыбына келтиришкен. Анын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө калмак баскынчылары бир нече жортуул уюштурганы менен кире алган эмес. Бул өнөктөштүк Кокон хандыгынын эл аралык саясый аброюн көтөрүүгө, согуштук жана дипломатиялык ийгиликтерге жетүүгө зор көмөк көрсөтүп, Кокон ханы Эрдэне бийдин (1748/53–69) бийлик кылган алгачкы жылдарына чейин созулган да Кубат бий Кокон хандыгынын бир башкаруучусу (соправитель) катары таанылган. 1754-жылы Бухара эмири Мухаммед Хаким, Кокон башкаруучусу Эрдэне менен бирге Оро-Төбөгө жортуулга катышып, чоң кол башчы катары абройго ээ болгон Кубат бий Кокон өкүмдары Эрдэне бийдин таянычы деп аталган.
Кубат бий кыргыздардын сол канатынын кушчу уруусунан чыгып, анын кыштоосу азыркы Ноокен районунун Сакалдысында жайгашкан. Ал кыргыздардын, Кокон хандыгынын саясий-тарыхый аренасында чоң ролду ойногон, абдан таасирдүү, күчтүү жана чыгаан инсандардан болгон. Кубат бий өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзгөн башкаруучу катары Фергана өрөөнү эле эмес, бүткүл Түркстан, Чыгыш Түркстан чөлкөмүндө белгилүү болгон. «Тарихи-и Рахим хани» аттуу тарыхый булакта аны «кыргыздардын падышасы», «өз алдынча башкаруучусу» катары мүнөздөйт. Кубат бий Кокон мамлекетинин, кээде өзүнүн атынан эл аралык, дипломатиялык мамилелерди жүргүзүүгө толук кандуу акылуу эле. Мисалы, Кубат бий өз атынан Кытай императоруна элчи жиберип, анын көңүл буруусуна татыган.
Кубат бий жунгарларга каршы күрөштөрдү ийгиликтүү жетектеген. 1741–45-жылдардагы калмактардын Ферганага болгон жортуулдарында Кубат бий менен кокон бийлеринин биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. Мухаммед Садык Кашкаринин маалыматы боюнча жунгар калмактарына каршы күрөштөрдө «бахадыр бий» титулун алган. Анын саясый, дипломатиялык жана кол башчылык ишмердиги «Кубат мырза», «Кубат бахадур», деген элдик наамдарды алып жүрүүгө жеткирген. Ошол эле учурда түштүк кыргыздарынын өз алдынчалыгын сактап гана тим болбостон, кыйыр булактарга таянып, аны кыргыздардын мамлекетин түзүүгө аракеттенген десек жаңылышпайбыз. Бирок, бул аракеттер ал мезгилдеги эл аралык татаал кырдаалда өз ордунан чыккан эмес. (Караңыз: Плоских В.М. Кыргызы и Кокандское ханство.–Фрунзе. «Илим». 1977.–С.74–76.)
1755-жылы Кубат бий Цинь империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан Чыгыш Түркстандагы кара тоолук кожолордун башчысы Жусуп кожонун чакыруусу менен барып, бирок ал жердеги абал менен таанышкандан кийин, кытайлар колдогон ак тоолук кожолор тарабына өтүп кетет да, аларга чоң саясий, согуштук жардам көрсөтөт. Анын натыйжасында Кубат бий кыска мөөнөттө ал чөлкөмдөгү абдан таасирдүү, күчтүү жана популярдуу ишмерлердин бирине айланат. 1755–56-жж. Кашкарга бек болгон.
Кубат бийдин Ферганадагы таасири төмөндөгөндүгүнө байланыштуу 1758-жылы Эрдэне бий адыгине уруусунун бийи Ажы менен өнөктөштүк түзгөн. Аталган өнөк төштүктүн татаал саясий кырдаалда чоң пайдасы тийген. Мисалы, 1759-жылдын кеч күзүндө кытай жазалоочулары Кашкардагы көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктап, Фергананын чыгыш тоо этектерине чейин кирип келишкенде, кыргыздардын жана кокондуктардын биргелешкен күчү 9 миң жазалоочунун 7 миңин кырып таштагандыгы жана ошону менен Цинь империясынын Орто Азияга карата согуштук экспансиясы биротоло токтотулгандыгы тарыхый булактарда белгилүү. (Караңыз: Гуревич Б.П. Международные отношения в Центральной Азии… 1979. – 160-бет.) Бул окуянын кыргыз элинин фольклорунда чагылышы Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт өрөөнүндөгү КалмакКыргын деген топонимге байланыштуу.
Ажы бий өз мезгилинде Акбото, Кубат бийдей эле таасирге, абройго жеткен инсан, саясый ишмер болгон. Ал XVIII к. ортосунда Кокон хандыгына баш ийбей өз алдынча, көз карандысыз башкаруучусу эле. Ажы бийге кытай маалыматтарында эскертилгендей Бухарадан күн чыгышты көздөй кеткен кеңири аймакта жашаган 200 миң кыргыз баш ийип турган. Анын карамагында Ош, Өзгөн шаарлары, алай кыргыздары болуп, өз алдынча Цинь империясы жана башка мамлекеттер менен алака түзө алган. Бирок, 1860-жылы күч алып келе жаткан Кокон өкүмдары Эрдэне тарабынан туткундалып, Ош шаары Кокон ээлигине өткөн. Бирок, тез эле туткундан бошонгон Ажы бий 1761-жылы Цинь императоруна кат жазып, өз алдынча ээлик түзүү оюн билдирген. Анын натыйжасында ошол эле жылдын 10-сентябрында Цинь императору Кытайдын батыш жагында жайгашкан 31 мусулман шаарларынын өкүмдарларына ал жерлерди башкарууга укук берген атайын указ менен, мөөрлөрдү жана тиешелүү белгилерди тараткан. Алардын бири Ош шаарынын акими Ажы бийге да тийген. Ал кездеги эл аралык кырдаал жана кыргыз бийлеринин атаандаштыгы ферганалык кыргыздарды бириктирүүгө жолтоо болуп, Ажы бий акырында Кокон бийлигин таанууга аргасыз болгон да, 1862-жылы Ош, Өзгөн шаарлары менен кошо алай тоолорунун кыргыздарынын ээликтери Кокон хандыгына бириктирилген.
Эрдэненин мураскери Нарбото бийдин аталаш инилери Шахрух бий менен Хаджи бийдин энеси чаткалдык кыргыздардан болгон. ХVIII кылымдын акыркы жылдарында Хаджи бий Наманган вилайетине бектик кылып турган. 1798-жылы ал агасы Нарбото бийге каршы козголоң уюштурат. Бирок, талкаланып калып, чаткалдык таякелерине качып кетет. Бирок, ошол жылы кеч күздө көз жумган Нарбото бийдин кара ашына келген Хаджи бий хан тактысын ээлөөгө аракеттенген Нарботонун тун баласы Алим бий колдуу көз жумган. Анын аялы таластык саруу кызы болучу. Жесир өлүмдөн ала качкан үч уулунун экөөсүн – Улугбек менен Шералыны Чаткалга жиберип, кичүүсү Бекоглу менен Ферганада калат. Бирок, жолдо ураган тамдын алдында калып көз жумган агасы Улугбекти жоготкон Шералы Таласка жетип, 1842-жылга чейин таякеси Ажыбай датканыкында (айрым булактарда Базар баатыр, Асперди баатыр) жашагандыгы тарыхый чыгармалардан белгилүү. (Алымбаев Ж. Нүзүп бий. – Б., 2000.)
Кокон хандыгынын саясый-экономикалык гүлдөө мезгилин чагылдырган мамлекеттин өнүгүүсүнүн экинчи доорунда кыргыз бийлери мамлекетте тагдыр чеччү ролго ээ боло албаса да, ордо иштерине активдүү аралашуусун уланта берген. Кокон хандыгынын үчүнчү доорунда зор саясый аренага чыгышкан Нүзүп бий менен Алымбек датканын аскерий-саясый ишмердиги 1830-жылдардан башталган. Бул мезгилде Кокон мамлекетинин чөлкөмү кеңейип, ага Фергана өрөөнү, Памирдин бир топ элдүү райондору, Тоолуу Бадахшан, Кожент, Жызак, Ташкент, Түштүк Казахстан, Кыргызстандын бардык аймактары, Кашкар оазисинин белгилүү бөлүгү карап тургандыгы жогор жакта жазылды. Тышкы саясатта чоң ийгилик болгон 1832-жылкы Кокон-Пекин келишимин түзүүдө Кокон хандыгынын элчилигин жетектеп барган саруу уруусунан чыккан Нүзүп миң башынын ролун баса белгилөөгө болот.
Кокон хандыгынын өз алдынчалыгын жоготуп коюуга чоң коркунуч туулган мезгил 1841–42-жылдар болгондугу тарыхта маалым. Мадалы хан өлтүрүлүп, мамлекет саясый кризиске учураган олку-солку кырдаалда Коконду Бухара эмири Насрулла ээлеп, ал Ибрагим Хайал аттуу марионетти ордого коюп кеткен мезгилде саясый аренага кыргыз бийлери ачык чыгышты. XIX кылымдын 40-жылдарынын башында кыргыздар Фергана өрөөнүндө саясый жана согуштук күчкө реалдуу ээ эле. Кыргыз бийлери ордону ээлеп алууга толук күчү жетсе да илгертен келе жаткан расмий салттын негизинде тактыга мураскор издешип, бул ишке Таласта жүргөн 50 жаштагы Шералыны тартууну чечишет. Кыргыз бийлеринин бул демилгесин ушул кезге чейин эле Мадалынын тушунда ордодо миңбашылыкка жеткен, хандыкта кеңири белгилүү, азыркы Аксынын Авлетимин жердеген саруунун кырк-уул уруусунун бийи Нүзүп ишке ашырган. 1842-жылы жай айларында ал кол курап, Шералыны Аксынын Карасуу айылындагы Топжаңгак (Карагүп) деген айылга (Бул айыл Шералынын улуу аялы саруунун баргы уругунун кызы Жаркынайымдын атасы Токтоназар бийдин кыштоосу болгон.) алып келет да, 3-4 ай бою ордонун салт-санаасына, жүрүм-турумуна үйрөтөт. Күзүндө Кербен кыштагынын түштүгүндөгү Сафид-Булан деген мазарда ак кийизге салып хан көтөрөт. Түштүк кыргыз уруулары бүтүндөй колдоо көрсөтүшүп, кошуун Коконду камайт. Шералы тактыны ээлеп, Нүзүп миң башы «аталык» наамын алат.
Нүзүп бийдин Кокон ордосунун тагдырын чечип турган саясый ишмердигинин мезгили кыска болду. Кулан кыпчактарынын ошол кездеги чыгаан уулдарынын бири Мусулманкул ордодо Нүзүп бийге саясый атаандаш болуп, ал тез эле Кокон хандыгын бийлик сересине чыгууга жетишкен. Мусулманкулдун кыштоосу азыркы Өзбекстандын Наманган облусунун Хакул-Абад районунун Көгөй кыштагы болуп эсептелет. Ал кетмен-төбөлүк кыргыздардын жээни, ошол эле учурда күйөө баласы да болгон. Ошондуктан аны кыргыз төбөлдөрүнүн бир тобу жактаган. 1843-жылы Мусулманкул менен Шады датканын ордодогу жашыруун тобунун иштеринин натыйжасында айтылуу Нүзүп бий, анын артынан эле 1844-жылы Шералы хан өзү өлтүрүлгөн.
Мусулманкулдун бийлик кылган мезгили ордодогу саясий кризистердин күчөшүнө жана Орусиянын Казакстан аркылуу басып кире башташына туш келген. Бир катар ордо кагылышууларынан кийин 1853-жылы Мусулманкул өлтүрүлүп, Кудаяр хан бийликти толук алат. Бирок, Кудаярдын Мусулманкулга каршы репрессиялык аракеттери 1850-жылдардын ортосунда кыпчактарды тууган деп эсептеген кыргыздардын нааразылыктарын күчөттү. Натыйжада кокон бийлигинин таасири кыргыздардын арасында бир топ начардаган жана Кудаяр ханга каршы күрөштөр 1858-жылы Фергана өрөөнүндөгү кыргыз элетинде олуттуу толкундоолорго айланган. Бул саясий жанданууга айрыкча алайлык кыргыздар, анын ичинде адыгине уруусу активдүү катышкан. Натыйжада Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашууда Кудаяр хандын аскери талкаланган. Көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды ээлеп, Коконду камап кирген. 1858-жылы ноябрь айында Кокон ордосунун өзүндө да саясий күрөштөр башталып, ал Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Бул окуяда түштүк кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны, адыгине уруусунун баргы тобунун бийи, айтылуу Асан бий уулу Алымбек негизги ролду ойногондугу тарыхта маалым.
Малабек өзүнүн такка олтурушуна көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин – Алымбекти алгач Анжыянга аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындаган.
Алымбек датканын саясий ишмердигинин кийинки окуялары 1860-жылы Орусиянын колониялык аскерлеринин Чүйгө басып киришине, 1860–62-жылдары Теңир-Тоо кыргыздарын бириктирип, өз алдынча көз карандысыз мамлекет түзүү аракеттерине, Кокон ордосундагы саясий иштерге кайрадан аралашышына байланыштуу болгон.
1862-жылдын башында Кокондо Мала ханга каршы козголоң уюштурулуп, бирок максатына жетпей калган болучу. Ошол эле жылдын февралында экинчи козголоңчулар (негизинен кыргыз бийлери: Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар жана башкалар) Мала ханды өлтүрүп, анын жээни – Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушкан. Алымбек баш увазирдик орунду ээлеген. Ташкент беги Канат Шаа, Рүстөмбек баш болгон экинчи топ такка Кудаярды кайрадан отургузууну көздөшкөн. Канат Шаа Бухарадагы Кудаяр менен байланыш түзүп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген. Шах Мурат кыргыз-кыпчак бийлеринин башчылыгында 14 миң кол менен Ташкентти камаган, бирок Букара эмиринин Кожентти басып алышына байланыштуу 53 күндөн кийин Ташкентти камоону токтотуп, Фергана өрөөнүнө кайтып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок, ал Кожентти коргоого кеткенде, Ташкенттен чыккан Кудаяр менен Канат Коконду ээлеп алышкан. Ичкилик кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмер, 1862-жылга чейин Маргалаң вилайетинин акими болуп турган молдо Алымкул Кудаяр тарапка өтүп кеткен. Анын аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган.
Ошол оомал-төкмөл кырдаалда, 1862-жылдын июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датканы Алымкул көкбелдик Чотон аттуу кыргыздын колу менен өлтүрткөндүгү тарыхый булактарда маалым. Феодалдык түркөйлүк өнөкөт жана кыргыз урууларынын биримсиздигинин залалы мына ушул мамиледен да таасын көрүнөт. Түштүк гана эмес, түндүк кыргыздарына да аброю чоң эки мамлекеттик ишмердин өз ара бийлик талашуусу анын биринин, Алымбектин өлүмүнө алып келгендиги кыргыз тарыхындагы өкүнүчтүү барактардын бири катары кала берет.
XIX кылымдын 60-жылдарынын биринчи жарымында Кокон мамлекетинин саясый аренасында кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны, Кокон хандыгынын ири саясий ишмери жана таланттуу кол башчысы (миң башы, лашкер башы) азыркы Карасуу районунун аймагында жашаган ичкилик кыргыздардын кыргыз-кыпчак уруусунун бийи Алымкул Асан бий уулу (1831–1865) чыга алган.
Алымкулдун саясий ишмердүүлүгү 1858-жылдан тартып Ташкендин алдында кайтыш болгонго чейин (1865), башаягы жети жылга жакын созулган. Кудаяр хандын аталаш агасы Анжиян акими Малабекке жөнөкөй нөөкөр катары келген Алымкул акылы, билими жана жаштыгына карабай саясатты терең аңдап билүү касиети менен урматсыйга ээ болгон. Алымкул аскер башчы (Амир лашкар Алымкул) көркөм чыгармаларда «Аталык» деп аталып жүрөт. Чынында Алымкулга расмий түрдө Аталык наамы берилген эмес. Ал 1863–65-жылдары Султан Сейит хандын мезгилинде Кокон хандыгында толук бийликке жетсе да Аскер башчы («Амир Лашкар») же «амирул умаро» (эмирлердин эмири) деген гана даража менен кала берген. Кокон хандыгынын борбордук бийлик системасында расмий «Аталык» деген мансап учурабайт. Ал жергиликтүү гана бийликтердин кай бири алып жүрчү даража болгон. Ошол кезде 34 жашка жаңы толгон Алымкул иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алган. Өкмөт иши – акча каржылоодон тартып, мансапка коюу, финансы, башкаруу – бардыгы Алымкулдун колунда болгон.
Кокон хандыгында Алымкул тынч бийлик кыла алган эмес. Орусиянын колониалык армиясы XIX кылымдын 60-жылдарынын башынан Жети-Суу чөлкөмүндөгү Кокон сепилдерин биринен сала бирин каратып келе жаткан болучу. Ошентип, Алымкулдун тагдырына падышалык Орусиянын басып алуусуна каршы күрөшүү туура келген. Алымкул биринчи күндөн баштап эле орус чек араларындагы чептерди калыбына келтирүү жана бекемдөө ишин баштаган. Натыйжада, Сузак, Чолок-Коргон сепилдери кайрадан кокондуктардын колуна өткөн. Ташкент, Сузак, Түркстан, Чолок-Коргон чептери чыңдалган. Бирок ордодогу токтобогон ички араздашуулар Кокон хандыгынын согуштук күчүн бир топ начарлаткан болучу. Ошондуктан, Алымкул басып келе жаткан орус колонизаторлоруна каршы активдүү жүрүш уюштура алган эмес. Анын үстүнө Кокон хандыгынын орто кылымдык куралдар менен куралданган сарбаздары европанын согуш ыкмасын колдонгон баскынчыларын аскерий жактан салыштырууга мүмкүн эмес эле. Натыйжада Алымкулдун аракеттерине, чүйлүк кыргыздардын Жангарач, Маймыл, Тынаалы сыяктуу манаптарынын кокон амирлигине али деле баш ийип турушканына карабастан Орусиянын кысымы күчөй берген. 1864-жылы Олуя-Ата, Түркстан алынган. Генерал Черняев баш болгон орус аскерлери жүрүштү Ташкенге чейин улантууга чечим чыгарышкан. Ошентип, Арал деңизинен Ысык-Көл ойдуңуна чейин чептердин тизмегин түзүү менен Сибирь, Оренбург тилкелеринин кошулушун иш жүзүнө ашыруу максаты күн тартибине коюлган. Демилгени колдон чыгарбоону максат кылган генерал М.Г. Черняев «Жаңы-Кокон тилкесин» биротоло бириктирүү максаты менен Чымкент шаарын 1964-жылдын 22-сентябрда караткандан кийин, Ташкентти алууга да аракеттенип көргөн. Бирок ою ордунан чыкпай, Алымкул аталыктын аскеринен катуу каршылык көргөн М.Г. Черняев 24-октябрда Чымкентке кайтууга аргасыз болгон.
Орусия колонизациясына каршы күрөштөрдө Алымкул таланттуу аскер башчы катары белгилүү боло алган. Анын активдүү аракеттери менен кай бир согуштук операциялар ийгиликке да жетишкендиги тарыхта маалым. (Мисалы, 1864-жылдын 4-6-декабрларында болуп өткөн Ыкан салгылашуусунда кокон аскери жеңип чыккан). Алымкул хандыктагы башкаруу иштерин тартипке келтирүү, аскерди куралдандыруу жана тарбиялоо жумуштарына катуу киришкен. Тилекке каршы, кыска мезгилде тыттай төгүлгөн мамлекетти, анын аскерин бүтөп болбойт эле. Алымкул бул үчүн өзүнүн мүлкүн да аябай аскерге бөлүп берген, алардын духун көтөргөн.
Орусиянын борбордук бийликтери Ташкент шаарын каратуу али эрте экендигин баса көрсөтүү менен бул чөлкөмдү азырынча өз алдынча Коконго да, Орусияга да карабаган буфердик ээликке (Ташкен бектиги) айландыруу керек деген чечимине карабастан М.Г.Черняев Ташкентти тезинен ээлөө жөнүндөгү оюнан кайткан эмес. 1865-жылдын жазында Кокон хандыгы менен Бухара эмиратынын ортосундагы кезектеги жаңжалдын башталышын ыңгайлуу учур деп санаган генерал 29-апрелде Ташкентке жакын турган Ниязбек чебин басып алып, шаарды суудан жана эгинден бөлүп салган. Ташкентти коргогон Алымкул аталыктын негизги күчтөрү менен орус аскеринин ортосунда 9-май күнү катуу салгылашуу болгон. Кандуу кармашта Алымкул аталыктын оор жарадар болушу жана өлүмү кокон күчтөрүнүн чегинүүсүнө алып келген. Баш аламан түшкөн шаарга 14–15-июнь күндөрү штурм жасалып, 17-июнь күнү Ташкент каратылган. Алымкул лашкер башы 1865-жылдын 10-май күнү Ташкендеги Шейхантаур мүрзөсүнө коюлган. Кыргыз элинин чыгаан уулу Алымкулдун орус колонизаторлоруна каршы күрөштө бүтүндөй мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башында туруп, кармашта курман болушунан Кокон хандыгынын бүткүл ферганалыктар, анын ичинде кыргыздар үчүн да мекен катары туюлгандыгын, каардуу Орусия падышачылыгынын алдында жалпы түркстандыктардын тарыхый тагдыры бир таразага коюлгандыгын көрүүгө болот.
Кокон хандыгындагы бийлик сересинде өз орду бар инсандардын бири айтылуу Алымбектин жубайы Курманжан датка болгондугу маалым.
1862-жылы Алымбек датканын бөөдө өлүмү Курманжанды муңкураткан эмес. Эл кызы эсептелген айым белин бекем бууп, жетим калган уул-кыздарын аман-эсен асырап, ээсиз калган элин да уюштурууга чамасы келген. 1862-жылы эле Кудаярды экинчи жолу такка олтургузуу мезгилинде Кудаярга жардам берген Бухара эмири Сейит Музаффар эддин Ошко чейин аскерлери менен келген. Бул келүүнүн негизги максаты Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө, 1862-жылы өлгөн Алымбектин ордун басчу адамга датка деген наамды ыйгаруу болучу. Ошентип, Кокон бийлигине кыргыздардын каныкесин тартуу максатында Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга «датка» деген наамды ыйгарууга аргасыз болушкан. Ислам дининин Орто Азиядагы түркүгү болуп саналган Бухара Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы (шарыятка ылайыкталган бүтүм, чечим) жана Музаффардын өзүнүн буйрукнаамасы боюнча Курманжан эми датка аталат.
Ушул окуядан кийин Курманжан «датка» аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Маанилүү саясий, эл аралык маселелерди чечүүгө аралашкан. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип Коконго келген. Мурунтан сый көрсөтүп, эне катары санаган Кудаяр хандын апасы Жаркынайым менен Курманжан тээ Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп,
Кудаяр бала кезинде эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. Ошентип Курманжандын даңкы Ферганага гана эмес Орто Азияга тарап, аброю өсүп өткөн кылымдын 60–70-жылдарында Фергана чөлкөмүндө Курманжандан өткөн таасирдүү адам болгон эмес.
ХIХ кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын реакциялуу саясатына нааразылык билдирген жана антифеодалдык элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Тун уулу Абдылдабектин Кудаяр ханга каршы кыймылына бата берген. Курманжан датка 1873–76-жылдардагы элдик кыймылда алгач адилетсиз хан бийлигине каршы күрөшүп, көтөрүлүштүн айтылуу жетекчилери: Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун, Оморбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Тун уулу Абдылдабек кыймылдын жалпы жетекчиси Искак молдо Асан уулу Полот хандын жакын жан-жөкөрү болуп, Орусия баскынчылыгына каршы акыркы күндөргө чейин жан аябай күрөшкөн. Азаттыкты улуу идея катары санаган Курманжан эне 1876-жылы 29-июль күнү орус жазалоо отрядына колго түшкөн. Абдылдабек баштаган үч уулунун Ооган жерине ооп кетиши, баш көтөргөн атуулдардын орус баскынчылыгынан өлүмгө учурашы жана Орусия куралынын күчтүүлүгү эрктүү энебиздин тагдырга баш ийип, эми элин бөөдө кыргындан сактап калышы үчүн падыша бийлигине баш ийишине мажбурлаган. Курманжандын кийинки тарыхтаржымалы, өмүр-жолу, орус колониализми мезгилиндеги жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү анын кеменгерлигин, улуу тарыхый инсан экендигин тастыктап турат.
Кокон хандыгынын акыркы доорунун бийлик сересиндеги эң жогорку орунга ээ болгон кыргыз тарыхый инсандарынан Искак Асан уулу Полот хандын ысмы таасын.
Полот хан деген ат менен Кокон ханы Кудаярды тактан оодарып, анын ордуна «адилет» хандыкты орнотууга бел байлаган Искак Асан уулунун тагдыры 1873–76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймылга жана түштүк кыргыздарынын Орусия баскынчылыгына каршы айыгышкан күрөштөрүнө тыгыз байланыштуу. 1873–76-жылдардагы элдик кыймылды, анын ичинде Аксы көтөрүлүшүн окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү Искак Асан уулунун ысмына байланыштырышат.
Эки жолу эл тарабынан хан көтөрүлгөн (1873-жылдын жайы, 1875-жылдын 27-сентябры) Кокон хандыгынын акыркы 21-ханы болгон Искак Асан уулунун мисалында Кокон хандыгынын бийлик сересинде кыргыз элинин, кыргыз бийлеринин чыгаан уул-кыздары мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө аралашып гана калбастан, бүтүндөй өлкөнүн тагдырын өз колуна ала алгандыгын көрүүгө болот. Бирок, бул процесс 1875–78-жылдардагы Орусия баскынчылыгын Фергана өрөөнүнүн калкына, эң оболу кыргыздарга каршы кандуу жүрүштөрүнүн кесепетинен токтотулуп, элдик кыймыл гана эмес, бүтүндөй Кокон мамлекетинин каратылышы менен аяктаган.
Кокон хандыгында чоң саясый иштерге катышкан тарыхый инсандардын ирилеринин катарында жогорку аталган ишмерлерден тышкары дагы далай инсандарды, мисалы: XVIII кылымдын инсандарынан Алымбек датканын атасы Асан бийди, Кедейбай датканы, анын атасы Токтоназар бийди, XIX кылымдын белгилүү бийлеринен Кыдырды, Касымды, Кудайназарды, Шер датканы, Хал датканы, Алибай датканы, Жумабай, Мамбет, Мырзабек, Ташбек бийлерди, ордодо кызмат өтөгөн, кокон хандыгынын тарыхчы-аалымы, кийин 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүндө негизги уюштуруучу-идеологу болгон Зиябидин Максымды жана башкаларды атоого болот.
Жогорку жазылган маалыматтардын негизинде Кокон хандыгынын бийлик сересинде турушкан үч саясый күчтүн (кыргыздардын, кыпчактардын жана көчмөн өзбектердин) мамлекеттин тигил же бул өнүгүү доорлорундагы ролун төмөндөгүдөй жалпылоого болот. 1709–1760-жылдарда саясий бийликтин башында миңдер тобу турду. Бирок алар бийликти кыргыз бийлери менен бөлүшүшкөн (Акбото бий, 1741–60-жылдардагы кокон-кыргыз союзу: Кубат бий кушчу, адигине Ажы бий жана башка.) 1760-жылдан баштап 1800-жылга чейин бийликти миңдердин саясий тобу негизинен колуна алды жана акырындап «сартиййа» менен биригүү жолуна түштү. (Нарбото бийдин саясаты.) 1800–1840-жылдарда бийликтин башында миңдер турганы менен, алардын саясатын экономикалык байлыгы күчтүү топ «сарттар» жана согуштук каста «галчалар» тескеп турду. Иш жүзүндө бийлик миңдердин колуна толук тийген эмес жана алардын отурукташуусунун күчөшү, шаар калкына айланышы сарттар менен тыгыз байланышка өтүүсүнө, атүгүл миңдердин «сарттар» категорияга кирип кетүүсүнө шарт түздү.
1840–42-жылдардагы саясий кризистин натыйжасында кыргыз бийлери кайрадан тарыхый аренага келишип, 1842–44-жылдары бийликти колдоруна толук ала алышты. (Сол кыргыз саруудан Нүзүп бий миңбашы 1831–1844-жылдарда ордодо эң негизги ролду ээлеп турган). 1844–56-жылдары кыпчактардын үстөмдүгү орноду. (Мусулманкул миңбашы кулан кыпчагы) 1856–58-жылдары болуп өткөн саясий окуялар кайрадан бийликти кыргыздарга алып келди. 1858–65-жылдары адыгиненин баргы уруусунан Алымбек датка менен кыргыз-кыпчактардан чыккан Алымкул лашкер башынын мезгилинде хандык бийлик, тескерисинче, өзүнүн эң төмөнкү абалына түшүп, өзгөчө Алымкулдун мезгилинде (1863–65) расмий хан Султан Сейит кыргыз бийинин эркине толук түрдө баш ийип турган. (Караңыз: Кененсариев Т. Алымкул Аталык. – Ош, 1999.)
1865–75-жылдары бийлик эски миң феодалдарынын өкүлдөрүнө жана «сартиййа» жамаатына тийгени менен кыргыз, кыпчак бийлери мамлекет башкарууга активдүү катышып турду. (Мусулманкулдун уулу Абдрахман аптабачы, аксылык саруу Кедейбай датка – кадимки Кудаяр хандын энеси Жаркынайымдын бир тууган агасы, аксылык кутлук-сейит Шер датка, кыпчак Нарманбет датка, Алымбектин аялы жапалак уруусунан чыккан Курманжан датка жана башкалар.) 1873–76-жылдардагы кыймылдын мезгилинде кыргыз бийлери ордо бийлигин алууга дагы бир аракеттенип көрүштү жана анын натыйжасында ичкиликтердин бостон уруусунан чыккан Искак хан көтөрүлдү. Мааниси элдик-боштондук, максаты адилет бийлик орнотуу болгон Искак-Полот хандын кыймылын жана анын аракеттерин мурунтан салт катары келаткан саясий тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө болгон аракет деп эсептесе да болот.
Тигил же бул этапта тигил же бул жамааттын бийликке келишин абсолюттук бир беткей көрүнүш деп түшүнүү жарабайт. Ал жамаат бийликтин негизги орундарына жетишкени менен, калган жамааттардын өкүлдөрү да башкаруу ишине катышып турган.
Хандык бийликти аталган 4 жамааттын үстүндөгү гарант фактору катары түшүнүү абзел. Деги эле орто кылымдан бери келе жаткан чыгыш тарыхындагы хандык бийлик көбүнчө шарттуу болгондугу маалым. Хан бийлиги «ыйык» деп таанылып, Орто Азияда хан тукумунун урпагы гана такка олтурушу мүмкүн эле. Ошондуктан күчтүү жамаат бийликке жетиш үчүн саясий күрөш мезгилинде дайыма тигил же бул хан тукумун бетине кармап чыгышкан да, анын күчү менен такка олтурган хан сөзсүз түрдө бийликке алып келген жамааттын кызыкчылыгын коргоого тийиш болгон. Кокон хандыгынын тарыхына сереп салсак, миңдердин күчү менен 1709-жылы бийликке келген Шахрухтан баштап хандык бийлик акырындык менен өнүгүп, өзүнүн апогейине Алим хан менен Омор хандын тушуна гана жеткен. Ал эми Мадали хандан баштап хан аброю улам төмөндөп, 1863–65-жылдары Алымкул лашкер башынын мезгилинде хандык бийликтин мааниси эң төмөнкү абалына түшкөн. Кудаяр хан 1865–75-жылдары хандык бийликти чыңоого бир топ аракет кылса да, анын бул максаты ишке ашкан эмес.
Ошентип, түштүк кыргыз уруулары Кокон хандыгынын тарыхында маанилүү ролду ээлеп турушкандыгы тарых чындыгы.
Кубат бий кушчу, саруу Нүзүп миңбашы, аксылык саруу Кедейбай датка менен анын карындашы, Кудаяр хандын энеси Жаркынайым, адыгиненин баргысынан Алымбек датка, анын аялы жапалак уруусунан Курманжан жана башка төбөлдөр ичкилик кыргыздарынан чыккан лашкер башчы Алымкул, кулан-кыпчагы Мусулманкул, анын уулу Абдрахман аптабачы, бостон уруусунан чыккан акыркы хан Искак Асан уулу Полот хан Кокон хандыгын өз өлкөсүндөй түшүнгөндүктөн хандыкта маанилүү ролду ээлешкен жана ага жан-дили менен кызмат кылышкан. Алар кыйын кезең кырдаалдарда биргелешип хандыкты асырап, керек болсо Алымкул лашкер башыдай мамлекет үчүн курман болушкан (Алымкул 1865-жылы Ташкендин алдында генерал Черняевдин колонизатордук армиясы менен салгылашып жатып окко учкан). Ал эми ичкилик бостон Искактын эң жакын досу жана куралдаш шериги адыгине баргы Алымбектин тун уулу Абдылдабек менен Кокон хандыгынын эгемендүүлүгү, кыргыз элинин азаттыгы үчүн күрөшүп жүрүп, бири Маргалаңда 1876-жылдын 1-мартында дарга асылса, экинчиси күрөштү улантам деген үмүт менен Ооганга качып кетип, ошол жылы кеч күздө көз жумган.
Кыргыз жерлеринин Кокон хандыгына бириктирилиши
Тайлак баатыр
Ферганада XVIII кылымдын башында түзүлгөн, алгач Маргаландын, Исфаранын гана тегерегин камтыган жаш Кокон бектигинин ичинде сарттар, тажиктер, өзбектер, отурукташкан жана жарым отурукташкан кыргыздар, түрктөр, башка майда уруулар чогуу жашашкан, бийлик теги феодалдардын эзүүсүнө чогуу кабылышкан. Ошондуктан Кокон хандыгы өзүнүн биринчи күнүнөн баштап эле этносаясий курамы жагынан да, социалдык-экономикалык мүнөзү жагынан да Фергананын көп улуттуу тургундарынын саясий режими, орток мамлекеттүүлүгү болгон. Демек, Кокон бийликтеринин акырындык менен ферганалык тоолук кыргыздарды, кийин түндүк кыргыз урууларын каратып алуусун хандыктын саясий жол менен кеңейиши катары (XIV–XVI кылымдарда Улуу Москва княздыгынын кеңейип, борбордошкон Орус мамлекетине айланганындай эле) саноо туура. Кыргыздардын үстүнөн Кокон амирлигинин орношу ошол эле өзбектер, сарттар, тажиктер, казактар жана башкалар жашаган Кожент, Оро-Төбө, Жызак, Ташкент, Чымкент, Олуя-Ата чөлкөмдөрүн Кокон мамлекетине бириктирүүдөн айрымасы жок экендиги булактарда ырасталат. Фергана кыргыздары Кокон хандыгын өзүнүн эле мамлекети катары туйган. Ошондуктан түштүк кыргыздарынын баш көтөргөн бийлери Кокон ордосундагы саясатка аралашууга умтулган, аларды ордо жерибей, кайра өзүнө тарткан.
Кокон бектигине Анжыян жана Наманган чөлкөмдөрүнүн кылымдын ортосуна чейин толук кириши менен хандык өрөөндүн түздүктөрүн бүтүндөй камтыган. Аксы чөлкөмү мурунтан эле Кокон бийлери менен жек-жааттык карым-катнашта болушкандыктан, Наманган, Касан жана Чартактын тегереги Кокон амирлигине моюн сунган мезгилден баштап, өзүлөрүн жаш мамлекеттин атуулдары катары таанышкан. Бирок, Фергананын чыгыш, түндүк жана түштүк чыгыш жактарындагы тоо этектериндеги жана тоолордогу кыргыздар азырынча саясый өз алдынчалыгын сактап турушкан эле. Акбото бийден башталып, Кубат бийдин мезгилинде күч алган тышкы жана ички саясый кырдаалга карата пайда болгон ордо менен кыргыз бийлеринин салттуу саясый өнөктөштүгү чыгыш жактан болгон коркунучтардын жоголушу менен начардап, натыйжада Ош шаарын ордо кылган алайлык адыгине уруусунун бийи Ажы менен кокон өкүмдары Эрдэне бийдин ортосунда ажырым башталган. 1860–64-жылдардын ичинде Цинь өкмөтүнүн дипломатиясынын Кокон бийликтери менен Ажы бийдин арасын бөлүп-жарууга жетишишинин натыйжасында Ош, Өзгөн шаарлары жана алардын айланасы Кокон хандыгына биротоло бириккен. Демек, азыркы Кыргызстандын түштүгү XIX кылымдын башына чейин Кокон хандыгына негизинен бириккен деген жыйынтык чыгарууга болот.
Саясий чачкын көрүнгөнү менен түндүк-түштүк кыргыз уруулары бири-бири менен карым-катнашта болуп, этносаясий, салт-санаа, руханий жактан тыгыз байланышта тургандыгын тарыхый маалыматтар ырастайт. Б. Солтоноев «Фергана кыргызы кокондук менен аралашып, бирде өзүнчө өкүмат түсүнө кирип турган; арка кыргызы калмак, казактан кысымчылык көрсө, Ферганага качып барып, баш калкалаган; эгинден кысталаң болсо, Ферганадан алган; соода сатыгы боюнча көбүнчө Фергана менен болгон; кыргызда кээ бир атактуу кишилер өлсө, болжолу 1820–25-жылдар чамасына жете арка кыргыздарынан болсо да, аны алып барып, Анжыян шаарындагы Арстанбапка коюп турган», – деп жазат (Караңыз: Солтоноев Б. Кызыл-кыргыз тарыхы. – Б., 1993. – 1-китеп. – 176-б.). Түндүк кыргыз урууларынын Фергана чөлкөмүнө мындай тартылуусу, кыргыз элинин оң канатындагы уруулардын басымдуу көпчүлүгү (Адыгине, Тагай урпактары) XIV– XVII кылымдардагы саясий окуяларга байланыштуу Анжыян, Алай чөлкөмдөрүндө жашап тургандыгынан келип чыккан деп түшүндүрсө болот.
Кокон хандыгынын улам күч алышы менен кыргыздар Фергана өрөөнүнүн түшүмдүү жерлеринен акырындык менен тоо тарапка сүрүлүп олтурган. Мындай саясат айрыкча XIX кылымдын башында бийликке келген Алим хандын мезгилинен баштап өнүккөн. Натыйжада, кылымдын орто ченинде кыргыздар Фергана өрөөнүнүн ортолугунда жайгашкан түздүктөрүнөн тоо этектерине сүрүлүп калгандыгын байкоого болот. Кыргыздардын эзелки ата конуштары болгон Асаке, Анжыяндын жанындагы Мундуз кыштагы, Ботокара, Атакара, Избаскен жана башка жерлер кыргыздардын кыштоолорунун Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүндө болгондугун билгизген көптөгөн топонимдер бул процесстен кабар берет. (Санжыра боюн ча саяктын Байболотунун экинчи уулу Асаке Өйдөчекти болжол менен ХV–ХVI кылымдарда Анжыяндын чыгыш жагында туруктап жүрүп өлгөн. Анын кыштоосу кийин отурукташкан чоң кыштакка айланып, ага Асаке деген ат берилген. Асакенин абаларынын бири Сарыдан Атакара жана Ботокара. Атакара азыркы Избаскенди жердеп, ал эми Ботокара Анжыяндын түндүк-чыгыш тарабын туруктаган. Аялдары өзбек болгондуктан кийинчерээк алардын урпактары өзбектерге аралашып кеткен. Бирок, бул эзелки кыргыз кыштоолору акырындап чоң кыштактарга айланса да, аттары ушул мезгилге чейин сакталып калган) (Караңыз: Кыргыздар. – Бишкек, 1991. – 2-китеп. – 22-бет.; Момун Нурмат Ысман Тегин. Бабыр жана кыргыздар. // Кыргыз Руху. – 1994. – № 9.).
Кыргызстандын түндүк бөлүгү бул мезгилде ар бири өз алдынча бийлик жүргүзүшкөн уруу башчыларынын кол алдында эле. Айта кетсек, Талас өрөөнүндө саруу, кушчу, кытай, мундуз уруулары, Чүйдө жана Суусамырда солтолор, саяктар, Чүйдүн баш жагында, Кочкордо жана Жумгалда сарыбагыштар, саяктар, Ысык-Көлдүн батыш, түндүк-батыш жагында сарыбагыштар, ал эми түндүк, түштүк, чыгыш жээктеринде, тоо этектеринде бугулар жана саяктар, Нарында, Тогуз-Тородо, Кетмен-Төбөдө сарыбагыш, саяк, черик, карабагыш жана башка уруулар, Чыгыш Түркстанда басыз, саяк, чоңбагыш, төөлөс, солто, сарт, тейит, найман, кыпчак, бугу, черик, нойгут, башкача айтканда, ичкилик, оң, сол кыргыз урууларынын аз-аздан өкүлдөрү жашаган.
Бытырандылыкта жашаган кыргыз уруулары XVIII кылымдын аягында тышкы саясатта бирдиктүү багытта аракеттене алышкан эмес. Мындан пайдаланган тышкы душмандар айрыкча түндүк кыргыздарына коркунуч туудуруп турган. 1758–60-жылдарда Цинь империясы ойроттордун мамлекетин талкалагандан кийин келген кытай баскынчыларынын кыргыз урууларынын үстүнөн протектораттык көз карандылыкты орнотууга багытталган саясий аракеттери, казак султандарынын түндүк кыргыз урууларына болгон чабуулдары жана башка окуялар мунун далили боло алат.
Ошентип, бул мезгилдеги кыргыз элинин ички жана тышкы саясий абалы Кокон аскерлеринин 20–30-жылдарда Талас, Кетмен-Төбө, Чүй, Тянь-Шань жана Ысык-Көл өрөөндөрүнө болгон жортуулдарына алып келген. Кокон бийлигинин Фергана өрөөнүнүн сыртына карай кеңейүү процессинин активдештирилиши XIX кылымдын башына туура келет. 1806-жылы Оро-Төбөнү, 1809-жылы Ташкентти караткан Алим хан үчүн Кокон ээликтерин түндүк кыргыз урууларынын мекенине карай умтулуусун шарттап, аны ишке ашырууга ыңгайлуу плацдарм түзүлгөн. Алгач сокку Кетмен-Төбөгө багытталган, бирок Алим хан бул өрөөндү каратууга үлгүргөн жок. Булактарда кокондуктардын аракетине кетментөбөлүк Сатыке баштаган кошуун катуу каршылык көрсөткөндүгү айтылат. Бир нече даярдыктардан кийин гана Омор хандын (1809–1922) белгилүү кол башчысы эсептелген намангандык Сейиткул бектин кол башчылыгында Кетмен-Төбө 1821-жылы гана Кокон амирлигин тааныды.
Кокон ханы Мадалынын (1822–1842) тушунда түндүк кыргыз урууларына карата жортуулдар уланган. Сарыбагыш менен солтолордун өз ара чыр-чатактарынан пайдаланган Мадалы 1825-жылы Чүйгө Ташкен акими Лашкер кушбегинин жетекчилигинде 4000 кишиден турган кошуун жиберген. Максат орундалып, чүйлүктөр Кокон бийлигин таанууга аргасыз болушкан жана ошол жылы Бишкек чеби негизделген. Кокондуктар ысыккөлдүк кыргыздарга хан бийлигин таанууну жана тийешелүү салык төлөөнү талап кылган кат жиберишкен. Бирок көлдүк кыргыздардын башчылары катка жооп берүүнү кечеңдетишип, Орусияга жиберилген каттын жообун күтүп жатышкан болучу. Бирок, ошол эле учурда аларга Кытай тараптан да чоң коркунуч бар эле. Орусия менен алака түзүүгө болгон аракет жөнүндө кабар уккан Мадалы хан Ысык-Көлгө атайын элчи жиберет, бирок анын натыйжасыз аяктагандыгына байланыштуу 1831-жылы Лашкер кушбегинин кошууну көпкө аттанат. Ошол эле жылы Көгарт ашуусу аркылуу Тогуз-Торо, андан ары Нарын чөлкөмүнө карай Хаккули миңбашынын кошуну жиберилет. План боюнча эки отряд Ысык-Көлдө жолу гушуусу тийиш эле. Операция ишке ашып, 1831-жылы түндүк кыргыз урууларын кокон амирлигине баш ийдирүү негизинен аяктаган.
Бирок түндүк кыргыз уруулары саясий жактан өз алдынчалыгын бир кыйла деңгээлде сактап кала алышкандыктан, жаңы орногон Кокон бийлиги бул жерде шарттуу гана болучу. Мындай кырдаал 1827-жылдан 1844-жылга чейин орус-кыргыз саясий, соода байланышын убактылуу токтоткону менен, кыргыз жеринин түндүгүндө мурункудай эле феодалдык өз ара чатакташуулардын жүрүп тургандыгын шарттаган.
Бул аралыкта Кокон амирлигине каршы толкундоолор алгач Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүндө башталган. 1821-жылы таластык кыргыздар казак уруулары менен бирдикте, Тентек-Төрөнүн жетекчилиги алдында ири көтөрүлүшкө чыккан. Көтөрүлүшчүлөр Чымкент, Сайрам шаарларын алууга жетишкен, бирок Тентек-Төрөнүн солгун жана келишкис аракеттеринин натыйжасында күрөш Кокон хандыгынын пайдасына чечилген. Экинчи бир кыймыл санжыраларда «Илеге жүрүш» же «Канайдын качуусу» деп аталат. Кокондуктардын алгачкы жортуулдарында, анын сарбаздарынан жеңилип калган солтолордун бийи Канай баштаган солто, саруу урууларынан турган чоң көч 1824–25-жылдар чамасында Балхаш көлүнүн чыгыш тарабына, Иле боюна көчүп барышкан. Көчүүгө сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлактардын катышкандыгы санжыраларда маалымдалат. Иледе казактардын жаныш, чапырашты уруулары менен ымаласы келбеген солтолор менен саруулар көп өтпөй эле өз жерине кайтып келишкен.
Өз мезгилинин саясий окуяларына активдүү аралашкан инсандардын бири Ырыскул бийдин (Саяк бийлеринин эң акыркысы болуп анын сөөгү Арстанбапка коюлган) уулу Тайлак баатыр эле. Тайлак агасы Атантай экөө Иледе жүргөндө, алардын жоктугунан пайдаланган саяктардын каба уругунун манабы Кетирекейдин уулу Алыбек Куртка чебине чабуул коюп, кокондуктардын жазалоочу отряды келгенде Кочкорго качып кеткен. Иледен жаңы эле келишкен Атантай, Тайлакты кокон амирлиги туткундаган. Бирок аларды кыргыздардын саяк, солто, сарыбагыш, бугу, басыз, саруу урууларынын атынан Мадалы ханга арачы болуп барышкан Медет датка баштаган түндүк кыргыз бийлери бошотуп алышкан. Себеби, 1825-жылы Цинь империясына каршы Жааңгер кожонун кыймылы башталып, анын жардам сураган элчилери Кыргызстанга, Кокон, Бухара бийликтерине жиберилген болучу. Ушуга байланыштуу Мадалы хан Жааңгер Кожого активдүү жардам берүүчү күч катары Тайлак баатырдын зоболосунан жана анын нарындык кыргыздардагы таасиринен улам бошотуп жиберген.
Көп убакыт өтпөй, 1825-жылы жазында Цинь империясынын генералы Баян-Бату баштаган миңден ашуун жоокери бар жазалоочу отряд Тянь-Шанга качкан Жааңгер кожону кармоо үчүн Атантай, Тайлактын Нарын өрөөнүндөгү айылына кол салат. Натыйжада жазалоочу отряд тыптыйпыл талкаланат. (Караңыз: Солтоноев Б. Кызыл-кыргыз тарыхы… – 1-китеп. – 191–92-беттер; Валиханов Ч.Ч. Соч. – СПб., 1904. – Записки РГО по отд. этнографии. – Т. ХХIХ. – 128–129-беттер.)
Тайлак баатыр эми Кокон бийлигине каршы күрөш баштап, 1832-жылдан 1838-жылдарга чейин хандыкка көз каранды эмес болуп тургандыгын акыркы изилдөөлөр далилдеди. Түндүк кыргыз урууларынын Кокон хандыгына карата мамилеси ар түрдүү болучу. Мисалы, «Канай качуу» окуясында таластык, ысык-көлдүк кыргыздар, нарындык кыргыздардын бир бөлүгү солтолорду колдогон эмес. Ал эми Тайлак жетектеген элдик кыймылдын алдында жана анын мезгилинде Борбордук Тянь-Шанда жашаган саяк, басыз, черик, моңолдор уруулары Кокон аскерлеринин басып киришине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн эмес, тескерисинче, айрымдары Жумгал, Куртка чептерин курууга кокондуктарга көмөк төшкөн.
Кокон хандыгына каршы түндүк кыргыз урууларынын түп көтөрө чыгышпагандыгынын бир себеби 1825–26-жылдары болуп өткөн Кытай экспедициясынын коркунучуна каршы тилдик жана диндик жалпылыгы бар Кокон хан дыгынын «өз» көрүнгөндүгү болгон. Анын үстүнө түштүк кыргыздарынын бийлеринин басымдуу көпчүлүгү Кокон бийлигине аралашып, ал турсун хандыкты өз хандыгы катары туйгандыгы Түндүк Кыргызстанга чоң таасирин тийгизген. Мындай жагдай 1830-жылдары жүргөн Тайлак баатырдын Кокон амирлигине карата кыймылы нарындык бир аз саяктарды, чериктерди, басыздарды жана сарууларды гана камтып калуусун шарттаган. Тайлак баатырдын кыймылына карата сарыбагыштар менен бугулар бейтарап абалда турса, солто уруусу ал түгүл тикеден-тике каршы болгон. Бул кийин солто менен саяктардын мамилелеринин сууп кетишине алып келген.
Түндүк Кыргызстандын саясий мамилелеринде сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Ниязбек уулу Ормондун хандык мезгили (1830-жж. башы – 1854-ж) өзгөчө орунду ээлейт. Себеби, ал Түндүк Кыргызстандагы ушул мезгилдердеги бир катар саясий окуялардын чыгып кетишин белгилүү деңгээлде шарттаган. Бул мезгилде Кокон хандыгы менен түндүк кыргыздарынын саясий карым-катнашы сюзерен-вассал принцибинде бир топ стабилдүү таризде өнүгө берген. Бирок, 1850-жылдардын ортосундагы Кокондогу кыпчак жамаатына, айрыкча Мусулманкулга каршы Кудаярдын репрессиялык аракеттери мезгилинде кыргыз элинин түндүк гана эмес, түштүк урууларында Кудаяр хандын саясатына нааразылыктар күчөп, натыйжада кокон бийлигинин тасири кыргыздардын арасында бир топ начардаган. 1858-жылдын жазынан түндүк кыргыздарында Кокон хандыгынын начарлай баштаган таасирин кайра калыбына келтирүүгө Кокон хандыгы тарабынан катуу аракеттер башталган. Бул бир эле учурда орус колонизаторлорунун Түркстанга жылып келатышына жооп да, андан коргонуу да эле. Себеби, өткөн 1857-жылы Кокон бийлиги Чүй, Талас, Олуя-Ата, Чымкент чөлкөмдөрүндө бир топ начарлай түшкөн. Ташкент беги Мырзакматтын, Пишпек, Олуя-Ата бектеринин зордук-зомбулуктары нааразылыктарды, толкундоолорду туудурган.
Кокон хандыгында ошол мезгилде туткунда жүргөн орус окумуштуусу Н.А.Северцовдун маалыматтарына караганда толкундоолор Ташкенттен чыгышты карай Талас, Чаткал, Чүй, өрөөндөрүн бойлоп алоолонгон. Ташкент беги Мырзакмат атайын Олуя-Атага келгени менен көтөрүлүштү басууга чамасы келбей, чепке жашынууга аргасыз болгон. Кокондон чоң күч менен Мала бек келип, толкундоолор араң токтогон.
Кокон хандыгынын саясый структурасы, кыргыздардын абалы жана салык саясаты. Кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы күрөштөрү
Кокон хандыгы боюнча жергиликтүү булактардын аздыгына байланыштуу мамлекеттин саясый структурасын, социалдык-экономикалык мамилелерин жана алыксалык саясатын мамлекеттин алгачкы жана орто өнүгүү мезгилдерин толук окуп-үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Ал эми XIX кылымдын орто ченинен кийинки мезгилдеги абалы орус булактарынын негизинде аздыр-көптүр тастыкталган.
Кокон хандыгы дүйнөлүк өнүгүүнүн көбүнөн артта калган чыгыш деспотиясынын абсолюттук монархия тибиндеги мамлекет болгон. Хандык вилайеттерден, ири шаарларда бектиктерден туруп, алар өз кезегинде салык жыйноо критерийине ылайыкталган серкерчиликтерге бөлүнүшкөн. Серкерлер салык жыйноочунун ролун аткарышкан. Мындай система негизинен мамлекеттин (хандын) казынасынын кызыкчылыгына толугу менен жооп берген. Кыштактарда чарба иштерин аксакалдар тейлеген. Ал эми көчмөн элдерде манаптар жана бийлер мамлекеттик кызмат функциясын аткарышып, бийлер бир эле учурда соттук да кызмат өтөшкөн. Отурукташкан тургундарда соттук милдетке казылар ээ болушкан. Казылар сот ишин шариатка, ал эми бийлер болсо адатка негиздешип жүргүзүшкөн.
Хандан кийинки мамлекеттик жогорку чиновниктер миңбашылар жана амир-лашкерлер – башкы аскер башчылар, ошондой эле граждандык жогорку кызмат орундар – визирлер болушкан. Кийинки катардагы кызмат орундары кушбектер, андан ары парваначылар, аталыктар, бектер, датхалар, токсоболор жана башкалар турушкан. Алар ири ээликтерди, вилайеттерди, округдарды, шаарларды, сепилдерди, коргондорду башкарышкан.
Кыргыздардын уруулук бөлүнүштөрү хандыктын административдик структурасын аныктоодо дайыма эсепке алынган. Кыргыздар басымдуулук кылган чөлкөмдөрдүн көбүнө, мисалы вилайеттерге, бектиктерге, серкерликтерге кыргыз бийлеринен коюлуп, аларга хандык титул берүү менен башкарылган. Айталы Ош вилайети, Алай, Өзгөн, Аксы чөлкөмдөрүнүн акимдери, бектери жана серкерлери негизинен кыргыздардан коюлган. Кыргыз бийлери ири вилайеттерге аким, бек болгон учурлар да көп жолуккан. Мисалы, Кожент бийи саруунун кырк уул уруусунун бийи Акбото, Анжиян шаарына парваначы болгон адыгиненин баргысынан чыккан Алымбек датка, Маргалаң вилайетинин беги болгон ичкиликтин кыпчак уруусунан чыккан Алымкул лашкер башы, Наманган вилайетинин беги болгон Шералы хандын улуу аялы саруу кызы Жаркынайымдын агасы Кедейбай (Гадай бий) датка, Исфаранын жана Коженттин акими ичкилик Касымбек аталыктын уулу Сатыбалды датка, кийинчерээк Сейитбек датка, Ташкен беги кыргыз-кыпчак Өтөмбай бий жана башкалар.
Кокон бийликтери элеттик кыргыздарды Фергана өрөөнүнүн түшүмдүү жерлеринен акырындык менен сүрүп чыгарып олтурган. Мындай саясат айрыкча Алим хандын мезгилинен баштап катуу өнүктү. Натыйжада, ХIХ кылымдын орто ченинде кыргыздар Фергана өрөөнүнүн ортолугунда жайгашкан түздүктөрдөн тоо этектерине сүрүлүп калгандыгын байкоого болот. (Караңыз: (Наливкин В.) Краткая история Кокандского ханства. – Казань, 1886. – 34-бет.) Кыргыздардын эзелки ата конуштары болгон Асаке, Анжыяндын жанындагы Мундуз кыштагы, Избаскен жана башка жерлер, Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүндөгү кыргыздардын жашап өткөндүгүн билгизген көптөгөн топонимдер бул процесстен кабар берет.
Жогорку башкаруу системасы Кокон хандыгынын курамында турган азыркы Кыргызстандын түштүгүндө гана учураган. Ал эми 1820–40-жылдарда расмий түрдө Кокон хандыгынын курамында турган Чүй, Талас, ЫсыкКөл өрөөндөрүнүн, ошондой эле Теңиртоонун кыргыздары Ташкен наместнигинин карамагында болуп эсептелип, Кокондун бийлигин автономдуу гана тааныган. Чынында өздөрүнүн бийлери, манаптары тарабынан башкарылган. Ал эми бул өрөөндөрдө жайгашкан сепилдерде кокон сарбаздары менен коштолгон хандын расмий өкүлчүлүгүнүн негизги милдети маал-маалы менен кыргыз айылдарын кыдырып, салык чогултуу болгон.
Кокон хандыгында чыгыш деспотиялык башка мамлекеттердей эле саясий бийлик «эң жогорку жер ээси» деген түшүнүктөн бөлүнүп каралган эмес. Мамлекеттин негизги байлыгы деп таанылган жердин эң жогорку ээси, ошол эле учурда саясий бийликтин да эң жогорку ээси хан болуп эсептелген. «Хан – бул мамлекет» деген түшүнүк калыптанган. Мындай жагдай бардык мыйзамдарды, бардык алык-салык саясатын хандын өз кызыкчылыгына карай багыттоого кеңири мүмкүндүк түзгөн. Салык бардык калктан алынган, ошол эле учурда алар эмгек милдеттенмелерин да аткарышкан. Алык-салыктан кутулууга дин кызматкерлеринин, кээде айрым ак сөөк феодалдардын гана укугу бар эле. Ошол эле учурда алар өздөрүнө караштуу дыйкан, малчылардан салык алып турушкан. «Хан» «мамлекет» деген түшүнүк менен бирдей болгондуктан, мамлекеттик казына менен хандын өз казынасы бөлүнүп каралган эмес. Бул жагдай алык-салык системасында эбегейсиз өзүм билемдикке алып келген. Салыктын өлчөмү юридикалык (шариат, адат) жолу менен эмес, көбүнчө хандын, акимдин, бектин керектөөсүнө жараша аныкталган. Мындай система туруктуу алык-салык системасынын ордуна баш-аламандыкты, калкты талап-тоноону, эзүүнү күчөткөн.
Элеттиктерди оор абалга алып келген эзүүнүн бир түрү Кокон көпөстөрүнүн сүткорлук жол менен уюштурган соода-сатыгы (кызыл кулактыгы) болгон. Кызыл кулактар арзыбаган товарларды өз наркынан алда канча ашып түшкөн баада арам ою жок тоолуктардын малына айырбашташкан, сатып алууга жөндөмсүз кедей-кембагалдарга күнүмдүк турмушка керектелүүчү майда-чүйдөнү жергиликтүү бий, бектердин кепилдиги менен карызга беришкен, аларды ушундай ыкмалар аркылуу көз каранды кылып турушкан. Мындай саясатка өзбеги да, кыргызы да, тажиги да бирдей эле кабылышкандыгын баса белгилөө абзел.
Стат-кеңешчи Г. Вейнбергдин 1874-жылы 10-ноябрда К.П. Кауфманга жазган билдирүүсүндө Кокон мамлекетиндеги алык-салыктардын 18 түрү көрсөтүлөт. 1874-жылы Түркстан генерал-губернаторунун кызматын убактылуу аткарып жаткан Г.А. Колпаковский Кокон хандыгынын салык жана эмгек милдеттенмелеринин системасын анализдеп, ал дагы салыктын 18 түрүн санап өтөт. (Караңыз: Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России. – М., 1984. – 301-бет; ОБМСТА. – ВУА фонду. – 6868-иш. – 109–110-барактар.) Чыгыш таануучулар А.П. Хорошкиндин, Н. Пантусовдун эмгектеринде Кокон мамлекетиндеги алык-салыктардын негизги жана негизги эмес болуп эки түргө бөлүнгөндүгү айтылат.
Алардын шариатка негизделген, расмий түрлөрү төмөнкүлөр болгон: Харадж – дыйканчылыктан алынуучу натуралай салык болуп, сугат жерлерден алынган эгиндин түшүмүнүн 1/5, ал эми кайрак жердикинен – 1/10 бөлүгү алынган; танап – бакчалардан, жемиш-бактардан, жүзүмзарлардан алынуучу акчалай же натуралай салык; зекет – соодагерлерден, кол өнөрчүлөрдөн алынуучу капиталдын 1/40 бөлүгүнө барабар болгон акчалай салык. Зекет көчмөн чарбаларга да салынган. Кыргыздар 40 койдон 1 кой, 40 жылкыдан 1 жылкы, 30 ири мүйүздүү малдан 1 уй, 5 төөдөн 1 кой өлчөмүндө зекет төлөшкөн. (Караңыз: Хорошкин А.П. Сборник статей, касающихся до Туркестанского края. – СПб., 1851. – 48-бет; Пантусов Н. Сборы и пошлины в бывшем Кокандском ханстве.// ТВ. – № 16,17. – 1876-жыл.) Бирок, бул салык көп учурда шартка, хандын эркине, зекетчилердин алкымына жараша өзгөрүп, көбүнчө көбөйүп турган. Мисалы, 1860-жылдары кыргыздар 25 койдон бир кой төлөй баштаган. Кыргыздардан зекет чогулткан зекетчилер колундагы мөөр басылган хан жардыгына таянып, мамлекеттик салыктан тышкары ар бир түтүндөн ашыкча экиден кой алып турушкан. Бул хандын жана хан ордосунун тамакашына деп алынган.
Булардан тышкары расмий эмес «адат» боюнча аныкталган, кээде хандын өзгөчө жардыгына же акимдин эркине жараша салынган көптөгөн салыктар, чыгымдар болгон. Мисалы: жайлоо пулу, «кеми пули» же кечүү пулу (өзөндөн, дарыядан кечип өткөндүгү үчүн алынуучу акы), кандайдыр бир ээликтен мал айдап өтүүдөгү же соода кербенинин өтүшү үчүн зекет пулу, көпүрө пулу, соодагерлерден алынуучу «таги жай пули» – соода орунуна, базар кирешесине, «неках жана тариханэ пули» – үйлөнүүдөгү жана мурастоодо, «луката пули» – өлгөндөн кийинки ээсиз калган мүлккө, «тараза пули», «тамбаки пули» – тамеки айдоочу жер үчүн, «намак пули» – туз алынуучу кендерден жана башка толуп жаткан салыктар өкүм сүргөн. Ал турсун көчмөн кыргыздардын Арстанбап, Сары-Челек, Кызыл-Үңкүр сыяктуу жаңгак, мисте токойлорунда мал жайгандыгы, мөмө тергендиги үчүн да зекет алынган. Кийинчерээк Кудаяр хан кошумча «харадж аты» (ат салыгы), «карагай пули» – базарга алып келип сатылуучу устун, жыгач үчүн, «отун пули» – отун үчүн, «даллал пули» – базардагы далдалчылык үчүн, «кук пули» – жайыттарды колдонуу үчүн, «суу пули» – арыктагы сууну колдонуу үчүн салыктарды киргизген.
Алык-салыктардын эбегейсиз көбөйүшү элдин эзилүүсүнө, түбөлүк карызга батышына алып келген. Натыйжада, кедей чарбалар зекет төлөй албай, карызынан кутулуу үчүн өз уулдарын жана кыздарын бай адамдардын колуна малай катары берген учурлары көп кездешкен. Элдин ушундай кыйналышына карабастан, Кудаяр хан өзүнүн 36 аялына жылына 300 миң рубль акча каражатын сарптап тургандыгы булактарда айтылат. (Караңыз: Маев Н. От Ташкента до Кульджи. // Материалы для статистики Туркестанского края. – Вып.2. – СПб., 1873. – 295-бет.)
Элет тургундарына эң бир оор салык – хан кошуунун жабдууга арналган «кыл куйрук» болучу. Бул чоң же кичине жортуулдардын алдында, же аскердик милдет өтөө үчүн ар бир түтүндөн бирден жабдыктуу жоокер жана экиден ат салыгы эсептелген.
Чыгыш таануучу А. Кун Кокон хандыгынын акыркы мезгилиндеги алык-салыктарынын көбөйүп кетишин айтып келип, мамлекеттеги мүмкүн болгон бардык кыймыларакеттерге салык салынып жаткандыгын, жадагалса адамдын туулушу менен өлүмүнө да акча төлөнөөрүн, эми бир гана «дем алганы үчүн абага» салык салынбай калгандыгын белгилеген. (Караңыз: Кун А. Очерк Кокандского ханства.// Изв.РГО. – Т.12. – Отд.2. – СПб.,
- – 6–7-беттер.)
Салыктар атайын хан тарабынан дайындалган куралдуу зекетчилер аркылуу жыйналып турган. Кээде салык чогултуу укугу жергиликтүү феодалдарга же байларга арендага берилүүчү. (Откуп системасы – тийешелүү аймактан салык боюнча түшчү кирешени – «үлпанды» мурунтан төлөп коюп, элден салык жыйноо укугун сатып алуу.) Салык чогултушкандыгы үчүн зекетчилер жана бул кызматты сатып алгандар хандан маяна алчу эмес. Ошондуктан салык жыйноо мезгилинде алар өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюшчу. Зекетчилер көбүнчө октябрь-ноябрь, декабрь-январь айларында жылына бир жолу куралдуу сарбаздардын коштоосунда салык чогултушчу. Салык төлөөдөн баш тарткандарга күч колдонулчу, кээде жергиликтүү бийликтерди кепилге коюп, «айып» салышчу. Чынында, зекетчилердин аракеттери зордукзомбулук, талап-тоноодон айырмаланган эмес.
Жогорудагыдай салыктардан башка элге эң оор эмгек милдеттенмелери жүктөлгөн. Статс-кеңешчи Г. Вейнбергдин жазганына караганда «жолдорду, хандын үйлөрүн, сарайларын куруу, эгин талааларында жана бакчаларда иштетүү, арыктарды, каналдарды тазалатып, жаңы ирригациялык курулуштарды салуу үчүн хандыктын туш тарабынан жумушчулар айдалып келинген. Алар акысыз иштеп, эгер жумушка чыга албай калса, балак менен жазаланган, кай бирлери өлүп да калган. Хан жумушуна барууга макул болбогондорду тирүүлөй жерге көмүп коюу да кездешкен. Бул милдеттенмелер феодалдардын, акимдердин, аскер башчыларынын чарбаларында да кеңири колдонулган.
Булактарда алык-салыктардын 1870-жылдардын башында эбегейсиз өсүп кетишине Кудаяр хандын сүйүктүү адамы – жөнөкөй катчылык кызматтан, хандын «көңүл буруусу» менен Шарихан бектигине чейин көтөрүлгөн Иса Олуянын салымы чоң. Анын түрдүү салыктарды ойлоп тапкандыгы жадагалса Кудаяр хандын өзүн да таң калтырган. Тарыхый маалыматтарга караганда Кудаяр хандын өзү да алык-салыктын көбөйүшүнө активдүү демилгечи болгон. «Шариат менен адат аныктаган салыктарга ыраазы болбогон Кудаяр хан, – деп жазат ошол мезгилдин байкоочусу Н. Петровский, – ар жылы салык салынуучу жаңы нерселерди ачып, уламдан улам алык-салыктын түрлөрүн өркүндөтүп олтурган». (Караңыз: Петровский Н. Очерки Кокандского ханства.//ТС-Т.76. – 17-бет.)
Кокон хандыгындагы алык-салык системасы, эмгек милдеттенмелери жана көп сандаган түрдүү чыгымдардан сырткары Кокон ханынын өзү, анын жан-жөкөрлөрү сүткордук менен байлык жыйноого аракеттенишкен. Кокондо жана башка шаарларда соода мекемелери хан тарабынан сүткордук менен арендаларга берилип, токой, шалбаалуу, аңчылыкка жана эс алууга ыңгайлуу кооз жерлер хандын «жеке коруктары» деп таанылып, ага бейчеки кирип кеткендерден акчалай жаза алынган.
Алык-салыктардын көптүгү, феодалдык-деспоттук эзүүнүн оордугу элдин нааразылыгынын бирден-бир себеби болгон. Зордук-зомбулуктан Кудаяр ханга жана анын жан-жөкөрлөрүнө болгон элдин жек көрүүсү күчөгөн. Ырайымсыз эзүү элдин нааразычылыгын туудуруп, толкундоолордун, көтөрүлүштөрдүн чыгуусуна себеп болгон. Өткөн кылымдагы орус серепчиси А.И. Бряновдун элдик кыймылдардын эң негизги себеби «хандын өзүнөн баштап жер-жерлердеги бийлик ээлерине дейре элдин абалына көңүл бурушпастан өз керт баштарынын жыргалчылыгын гана ойлоп, зордук-зомбулук жана эзүү бардык жерде үстөмдүк кылгандыгы» болгон, – деген маалыматы жогорку пикирди тастыктап турат. (Караңыз: Брянов А.И. На память о Фергане, 1876–1901. – Новый Маргелан, 1901. – 14-бет.)
167 жыл өмүр сүргөн Кокон хандыгында сандаган согуштар, кандуу кармаштар, төңкөрүштөр, көтөрүлүштөр, элдик кыймылдар болуп өткөн. Кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы толкундоолору көп учурда бийлик талашуу, тигил же бул чөлкөмдөргө бийлик жүргүзүү араздашуусу сыяктуу саясый күрөштөргө айкалышып кеткен. Ошентсе да бардык чыгуулардын түпкү себеби катары Кокон хандыгынын борбордук же жергиликтүү бийликтеринин элге каршы жек көрүндү саясаты болгондугун байкоо кыйын эмес.
Кокон мамлекетинин Түндүк Кыргызстанды хандыкка бириктирген мезгилдин алгачкы жылдарынан баштап эле амирликке каршы толкундоолор башталган. 1821-жылы таластык кыргыздар казак уруулары менен бирдикте, Тентек-Төрөнүн жетекчилиги алдында ири көтөрүлүшкө чыккан. Көтөрүлүшчүлөр Чымкент, Сайрам шаарларын алууга жетишкен, бирок Тентек-Төрөнүн солгун жана келишкис аракеттеринин натыйжасында күрөш Кокон хандыгынын пайдасына чечилген. Экинчи бир кыймыл санжыраларда «Илеге жүрүш» же «Канайдын качуусу» деп аталат. Кокондуктардын алгачкы жортуулдарында, анын сарбаздарынан жеңилип калган солтолордун бийи Канай баштаган солто, саруу урууларынан турган чоң көч 1824–25-жылдар чамасында Балхаш көлүнүн чыгыш тарабына, Иле боюна көчүп барышкан. Көчүүгө сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлактардын кыйыр катышкандыгы да санжыраларда маалымдалат. Иледе казактардын жаныш, чапырашты уруулары менен ымаласы келбеген солтолор менен саруулар көп өтпөй эле өз жерине кайтып келишкен. Алар ХIХ кылымдын 20-жылдарынын ортосундагы Кокон хандыгынын саясатынын натыйжасы экендигинен кабар берет.
Нарын чөлкөмүндө 1820–30-жылдарындагы Тайлактын көтөрүлүшү деп аталып келаткан кыймылдар да Кокон хандыгына каршы эмес, анын ошол кездеги бийликчилеринин саясатына каршы козголоңдордун катарына кирет. Тайлак баатырдын ишмердүүлүгү мурунку параграфта берилсе да, бул жерде Тайлак баатырдын 1832жылы баштаган күрөшү нарындыктардын 1838-жылдарга чейин хандыкка көз каранды эмес болуп турууга алып келгендигин белгилеп коюу абзел.
Түндүк кыргыз урууларынын Кокон хандыгына карата мамилеси ар түрдүү болучу. Мисалы, «Канай качуу» окуясында таластык, ысык-көлдүк кыргыздар, нарындык кыргыздардын бир бөлүгү солтолорду колдогон эмес. Ал эми Тайлак жетектеген элдик кыймылдын алдында жана анын мезгилинде Борбордук Тянь-Шанда жашаган саяк, басыз, черик, моңолдор уруулары Кокон аскерлеринин басып киришине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн эмес, тескерисинче, айрымдары Жумгал, Куртка чептерин курууга кокондуктарга көмөктөшкөн.
Кокон хандыгына каршы түндүк кыргыз урууларынын түп көтөрө чыгышпагандыгынын бир себеби 1825–26-жылдары болуп өткөн Кытай экспедициясынын коркунучуна каршы тилдик жана диндик жалпылыгы бар Кокон хандыгынын «өз» көрүнгөндүгү болгон. Анын үстүнө түштүк кыргыздарынын бийлеринин басымдуу көпчүлүгү Кокон бийлигине аралашып, ал турсун хандыкты өз хандыгы катары туйгандыгы Түндүк Кыргызстанга чоң таасирин тийгизген. Мындай жагдай 1830-жылдары жүргөн Тайлак баатырдын Кокон амирлигине карата кыймылы нарындык бир аз саяктарды, чериктерди, басыздарды жана сарууларды гана камтып калуусун шарттаган. Тайлак баатырдын кыймылына карата сарыбагыштар менен бугулар бейтарап абалда турса, солто уруусу ал түгүл тикеден-тике каршы болгон. Бул кийин солто менен саяктардын мамилелеринин сууп кетишине алып келген.
1830–50-жылдарда Кокон хандыгы менен түндүк кыргыздарынын саясий карым-катнашы сюзерен-вассал принцибинде бир топ стабилдүү таризде өнүгө берген. Бирок, 1850-жылдардын ортосундагы Кокондогу кыпчак жамаатына, айрыкча Мусулманкулга, кыпчактарга каршы Кудаярдын репрессиялык саясаты мезгилинде кыргыз элинин түндүк гана эмес, түштүк урууларында да Кудаяр хандын саясатына нааразылыктар күчөп, натыйжада кокон бийлигинин таасири кыргыздардын арасында бир топ начардаган. 1858-жылдын жазынан түндүк кыргыздарында Кокон хандыгынын начарлай баштаган таасирин кайра калыбына келтирүүгө Кокон хандыгы тарабынан катуу аракеттер башталган. Бул бир эле учурда орус колонизаторлорунун Түркстанга жылып келатышына жооп да, андан коргонуу да эле. Себеби, 1857-жылы Кокон бийлиги Чүй, Талас, Олуя-Ата, Чымкент чөлкөмдөрүндө бир топ начарлай түшкөн. Ташкент беги Мырзакматтын, Пишпек, Олуя-Ата бектеринин зордук-зомбулуктары нааразылыктарды, толкундоолорду туудурган.
Кокон хандыгында ошол мезгилде туткунда жүргөн орус окумуштуусу Н.А.Северцовдун маалыматтарына караганда толкундоолор Ташкенттен чыгышты карай Талас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүн бойлоп алоолонгон. (Караңыз: Северцов Н.А. Месяц плена у коканцев.-СПб.,1860. – 70–72-беттер.) Ташкент беги Мырзакмат атайын ОлуяАтага келгени менен көтөрүлүштү басууга чамасы келбей, чепке жашынууга аргасыз болгон. Кокондон чоң күч менен Мала бек келип, толкундоолор араң токтогон.
Түндүк Кыргызстандагы бул толкундоолорго 1857жылы Фергана өрөөнүндөгү кыргыз, кыпчак козголоңдору чоң таасирин тийгизген. Ушул окуялардан кийин Чүй, Талас кыргыздарынын оруска жүз бурушунан чочулаган кокондуктар бул жерлерде чептердин аскер күчтөрүн бекемдөө, жаңы чептерди куруу иштерин күч алдыра баштады. Ошол мезгилде Кыргызстандын түндүгүндө жана Казакстандын түштүгүндө Атабек датка башкарган ОлуяАта чеби эң чоң сепил болуп, ага орчундуу маани берилген.
Кудаяр ханга каршы 1857-жылы эле башталган күрөштөр 1858-жылы Фергана өрөөнүндөгү кыргыз элетинде олуттуу толкундоолорго айланган. Көтөрүлүшкө катышкан адамдардын саны 4–6 миң адамга жеткендигин изилдөөлөр кабарлайт. (Караңыз: Усенбаев К.У. Борьба киргизского и других народов Средней Азии и Казахстана против социального и национального гнета. // Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец ХVIII–ХIХ в.). – Ф.,1985. –181-бет.) Бул саясий жанданууга айрыкча алайлык кыргыздар, анын ичинде адыгине уруусу активдүү катышкан. Алымбек датка баштаган бийлер толкундоолордон пайдаланып Кудаяр ханга каршы ачык күрөшкө чыгышкан. Натыйжада Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашууда Кудаяр хандын аскери талкаланган. Көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды ээлеп, Коконду камап кирген.
1858-жылы ноябрь айында Кокон ордосунун өзүндө да саясий күрөштөр башталып, ал Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Бул окуяда түштүк кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны, адыгине уруусунун баргы тобунун бийи, айтылуу Асан бий уулу Алымбек негизги ролду ойногондугу тарыхта маалым.
XIX кылымдын 60-жылдарынын башынан, айрыкча 1863-жылдан баштап Кудаяр ханга каршы багытталган кыргыздардын, кыпчактардын күрөшү бир топ ийгиликтерге жеткен. Кудаярдын аскери талкаланып, ал турсун Маргалаңдын жанында Ак-Мечит сепилинин мурдагы коменданты Жакыпбектин аскер башчылыгында жиберилген атайын кошууну да тыптыйпыл болгон. 1863-жылы июнь айында Алымкул жетектеген кыргыз-кыпчактар Коконду камоого алган. Шахрисябзда башталган көтөрүлүшкө байланыштуу Кокондон чыгып кеткен Музаффардын жоктугунан пайдаланып, Алымкул ордону ээлеген. Кудаяр хан экинчи жолу качкан. Бийлик кыргыз-кыпчактарга тийип, 1863-жылы 9-июль күнү Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргызкыпчактардын жамаатындагы эң таасирдүү мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы, кыргыздын чыгаан уулу, ошол кезде 34 жашка жаңы толгон Алымкул Султан Сейитке Аталык (регент) дайындалып, иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алган.
1863–65-жылдары Алымкул лашкер башынын Кокон хандыгын факты жүзүндө башкарып тургандыгынын натыйжасында кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы толкундоолору басаңдап, ири козголоңдор катталган эмес. Анын үстүнө Кокон мамлекетинин тышкы абалы оор эле. Түндүктөн акырындык менен Казакстандын түштүк чөлкөмдөрүн биринен сала бирин ээлеп, Орусия колонизаторлору Кокон чектерине жакындап келе жаткан болучу. Алымкул лашкер башынын негизги иш аракеттери Орусиянын колонизациялоочу аракеттерине каршы болуп, анын 1865-жылы май айында Ташкендин алдында өлүмүнө байланыштуу Кокон хандыгы Ташкен вилайетин жоготуп, мамлекет Фергана өрөөнүн менен гана чектелип калгандыгы маалым.
1866-жылы элеттиктердин толкундоолору салыштырмалуу солгундаганы менен, кийинки эле жылы кайрадан жанданган. Алайдагы Кызыл-Коргон чыңдоосунда турган Кул датканын зордук-зомбулугуна каршы алайлыктардын козголоңу 1867-жылы жазда башталат. Садык серкердин жетекчилигинде кыргыздар чепти алып, Кул датканы өлтүрүшөт. Кокондон келген жазалоочу отряд көтөрүлүштү аёосуз басып, көрүнүктүү жол башчылар өлүмгө тартылат.
1870-жылы Алайда дагы көтөрүлүш чыккан, бирок ал жөнүндө конкреттүү маалыматтар булактарда калган эмес. Кудаяр хандын Бухара эмиринен жардам сурап кайрылгандыгына караганда, көтөрүлүш бир топ күчтүү болгондугу божомолдонот. Бул көтөрүлүшкө кокон бийлигинин зомбулугунан тышкары, 1870–72-жылдардагы катуу жут да себепчи болгон. Ушул мезгилден баштап Фергана өрөөнүнүн элеттик кыргыздар жашаган чөлкөмдөрүндө жана кыпчак айылдарында тынымсыз козголоңдордун мезгили башталды. Эгер мурун козголоңдор негизинен феодалдардын жетекчилиги менен бийлик талашуу үчүн болуп келсе, 1870-жылдардын башынан хандын, анын акимдеринин, көбүнчө, Кудаяр хандын так өзүнө каршы чыгып жатты.
1868-жылы Орус-Кокон келишими түзүлүп, Кокон хандыгы Орусиянын вассалына айланган мезгилинен кийин Кокон ханы Кудаярдын өз элине алык-салыкты, зордук-зомбулук менен эзүүнү күчөтүүсү калктын нааразылыгын туудура баштаган мезгилде 1870-жылдын башында эл массасында Кудаяр хандай зулум ханды «адилет» хан менен алмаштыруу аракеттери башталган. Бул элдик мүдөө албетте элеттиктердин демилгеси менен көтөрүлүшт өргө чейин өсүп жеткен. Ушундай көтөрүлүштөрдүн алгачкысы Сох кыргыздарынын көтөрүлүшү болгон. 1871-жылы болуп өткөн бул көтөрүлүш жогорку мүдөө менен коштолуп, ошол эле учурда зекетчилердин ашкере зөөкүрлүгүнө да каршы уюштурулган. 1871-жылы жайында А.П. Федченконун илимий экспедициясы Сох кыштагына келгенде, анын кире беришинде орнотулган даргаларды көргөн. Себеби, ушул жылы жазында Сох, Исфара өрөөндөрүндөгү кыргыздар көтөрүлүш чыгарышып, аны басууга Кокондон Атабек наиб жетектеген 2 миң сарбаз жазалоо аскери келген. Сарбаздар көтөрүлүштү аёосуз басып, качкан кыргыздарды тоо арасына чейин кууп барышкан. Акырында 12 гана кишини кармап алышып, Кокондо даргага астырган. Алардын ичинде көтөрүлүштүн башчыларынын бири Молдо Мамыр менен нойгут уруусунун бийи Мадалы жүз башы болгон. Көтөрүлүштүн дагы бир башчысы Молдо Ашыр Каратегинге качып кеткен.
Козголоңдун чыгуусуна булактар үч себепти көрсөтүшөт. Биринчиси, Сох өрөөнүнүн акиминин адаттан тышкары көп өлчөмдө зекет жыйноосу; экинчиси – Сох өрөөнүндө кыргыздардын басымдуулук кылганына карабастан хандын тажик улутундагы кишини бек кылып дайындашы; үчүнчүсү – Султан Сейит хандын өлүмү. Үчүнчү себепке кененирээк токтололу. 1870-жылы Фергана чөлкөмүндө Мала хандын (1858–1862) уулу Султан Сейит пайда болот. Ал Алымкул лашкер башы 1865-жылы Ташкенттин алдында каза болгондон кийин, 11-июнь күнү Бухарага Музаффардын чакыруусу менен Искендер бекке кошулуп кеткен болучу. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история… – 202-бет.) Султан Сейит хандын Коконго келиши, ага жан тарткан кыргыз, кыпчак бийлеринин өз мөөрлөрүн басып аны чакырган жашыруун катына байланыштуу болгон. Кыргыз, кыпчак бийлеринин аттары жазылып, мөөрлөрү басылган катты Султан Сейит хан өзү менен кошо ала келген. Бирок, Кудаяр хандын тыңчылары козголоңдун даярдалып жаткандыгынан кабардар болуп калышат да, хандын буйругу менен Султан Сейитти Жеке-Тыт деген жерде кармап алып, тындым кылышкан.
Мындан кийин козголоңчулардын акырына чыгуу үчүн Кудаяр хан Султан Сейиттин чөнтөгүнөн табылган каттагы тизме боюнча күмөндүү кыргыз, кыпчак бийлеринин көзүн тазалоого өткөн. Ал тизменин ичинде сохтук кыргыздардын бийлери да бар эле. Мына ушул окуя да Сох көтөрүлүшүнүн чыгып кетишинин бирден-бир себеби болгон деп божомолдойт А.П. Федченко. (Караңыз: Федченко А.П. Путешествие в Туркестан… – 303–304-беттер.)
Султан Сейиттин өлүмүнөн кийин көтөрүлүшчүлөр хан тактысына талапкер кылып Кудаяр хандын тууганы Сопубектин уулу Назырбекти көрсөтүшкөн. Көтөрүлүшкө каратегиндик бек Раим Шаа да жардам берүүгө далаалаттанган. Себеби, ал 1868-жылы Бухара менен ымалага кирип, агасы Музафар Шаадан Кара-Тегинди тартып алган болучу. Ошондон кийин Кара-Тегин Кокон букаралыгынан чыгып, тескерисинче кокондуктарга душман болуп калган эле. Кантсе да Сох кыргыздарынын көтөрүлүшү Кокон жазалоочулары тарабынан айоосуз басылып, максатына жеткен эмес, бирок, анын кийинки чоң кыймылга бет ачар окуя катары саясий мааниси зор көтөрүлүш болгондугу анык.
1871-жылга карата М.А. Терентьевдин изилдөөлөрүндө дагы бир көтөрүлүш жөнүндө маалымат бар. «Батыр хан төрөнүн козголоңу» деп аталуучу козголоң 1871-жылы алык-салыктын көбөйүп кетишине байланыштуу чыккан. Батыр хан төрө Кудаяр хандын экинчи аялынын бир тууганы болуп, негизинен кыргыз феодалдары менен туугандашып турган. Аны кыргыз, кыпчак бийлери, отурукташкан өзбек билермандары жана ордодон 50 кишиден турган жашыруун өкүлдөр Кудаяр хандын ордуна олтургузууну максат кылышкан. Бирок, жашыруун топтун биринин чыккынчылыгынын натыйжасында козголоңдун Батыр хан төрө баштаган 17 мүчөсү кармалып, аларды ордодогу көлчүккө тумчуктуруп өлтүртүүгө буйрук берилген. Тилекке каршы, көтөрүлүштүн кай жерде болгондугу жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат берилбейт.
1872-жылы да Фергана өрөөнүнүн айрым чөлкөмдөрүндө чаржайыт толкундоолор чыккан, бирок көтөрүлүшкө өсүп жеткен эмес. Алардын ичинде Алай чөлкөмү толкундоолордун бирден бир очогу бойдон кала берген. 1872-жылы Алайдагы «сепил, аны башкарган даткасы менен сарбаздары капыстан басып алган кыргыздардын колунан өлүм тапкандыгы» булактарда көргөзүлөт. (Караңыз: Костенко Л. Экспедиция в Алайские горы.-Русский инвалид. – № 239. – 1876 г. Чамасы сөз Кызыл-Коргон же Сопу-Коргон жөнүндө болуп жатса керек. Себеби, Дароот-Коргон чебинин коменданты Ысмайыл Токсобо 1871жылы эле А.П.Федченко менен жолугушуп, 1873–74-жылдардагы тарыхый окуяларга да катышкан.) Булактарда жана изилдөөлөрдө 1871–72-жылдары тынымсыз болуп турган чачкын толкундоолор жөнүндө сөз болгону менен, тилекке каршы конкреттүү далилдер айтылбайт.
Фергана элетинде 1871–72-жылдары болуп өткөн чаржайыт толкундоолордон айырмаланган нукура элдик көтөрүлүш 1873-жылы жазында башталган. Ал кыймыл үч жыл созулуп, Фергана өрөөнүнө бүт жайылып, Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келген. Фергана тургундарынын 1873–76-жылдардагы бул зор кыймылы тарыхта «элдик кыймыл», «Кокон көтөрүлүшү», «Полот хандын көтөрүлүшү» деген аттар менен белгилүү.
Бул кыймыл Кокон хандыгындагы элдердин, анын ичинде кыргыздардын азаттык күрөштөрүнүн тарыхынын жаркын барактары катары эсептелип, алгач «антихандык», «антикудаярдык» максат менен мамлекетте адилеттүү бийлик орнотуу, ошол эле учурда эзелки «илатиййа» менен «сартиййанын» саясий тең салмактуулугун калыбына келтирүү аркылуу кыргыз мамлекеттигин түзүү максаты менен башталса да, экинчи этабында (1875–76) Орусиянын колониалдык басып алуусуна дуушар болуп, ферганалыктардын азаттык кыймылы улуттук-боштондук күрөшүнө айланган. Натыйжада, Кокон мамлекети жоюлуп, Фергана өрөөнү, анын ичинде түштүк кыргыздары Орусия тарабынан басылып алынган. Аталган проблеманын кыргыз тарыхнаамасындагы илимий орду чоң мааниге ээ.
ХIХ кылымдын 60–70-жылдарындагы орус-кокон мамилелери
1865-жылы Ташкенттин алдында Орусиянын колониалдык армиясынын генералы М.Г.Черняев менен салгылашып жаткан Кокон хандыгынын лашкер башчысы Алымкулдун 9-майдагы өлүмүнөн кийин Бекмамат менен Атабектин башчылыгында кыргыз кошуундары, кокон сарбаздары Ферганага кайтып, кыргыз, кыпчак төбөлдөрү 16 жашар Кудайкул бекти (Белбакчы хан) такка отургузушкан. Көп узабай Бухара эмири Музаффар 1865-жылдын 15-июлунда Кудаярды ордуна коюуга аракеттенип, Коконго кирген.
Алдаяр бектин башчылыгындагы эмир Музаффардын жакшы куралданган армиясынын чабуулунун астында кыргыздар жана кыпчактар Фергананын чыгышына карай Ош аркылуу Мады кыштагына чейин согуш менен чегинип келишкен. Кудаяр хандын башчылыгындагы экинчи жолку жазалоо отряды менен сентябрь айында болгон кагылышта кыргыз-кыпчактардын кошуунунун басымдуу көпчүлүгү талкаланып калган. Калган 7000дей атчан, 400 жөө сарбаз жана 30 замбиректен турган артиллерия Белбакчы ханды коштоп, кыргыз Ыкын мырза, Алымкул өлгөндөн кийин кокон аскерине башчылык кылган кыргыз паңсаты Бекмамат, Ташкент вилайетинин мурунку беги Мырза Акмат кушбеги, кашкардык Бузурук хандын эки ата өткөн тууганы Катта Төрөнү алышып Кашкарды карай жөнөшкөн. Алардын артынан 12 миңдей жеңил куралданган кол менен кууган Кудаяр хан Сопу-Коргон ченде качкындарга жеткен да, кармашта Белбакчы хан менен кыргыздардын бир бөлүгү Чоң-Алай тарапка, ал эми кыпчактардын жана кыргыздардын 3-4 миңдей тобу Терек-Даван аркылуу Кашкар тарапка ооп кеткен. Замбиректери менен кача албай калган сарбаздар жана 800гө жакын жоокерлер колго түшкөн. Кудаяр хан жеңиш менен ордого кайткан.
Кашкарга качкан кыргыздар менен кыпчактарды Алымкул аталык өлгөндөн кийин Кокон хандыгынан кол үзгөн Жакыпбек ал жерде көп тургузган жок. Себеби, Жакыпбек үчүн Чыгыш-Түркстанда көчүп-конуп жүргөн кыргыздар деле аскер кызматына жетиштүү эле. Натыйжада качып баргандардын көбү Ферганага кайтып, кыргыз, кыпчак жоокерлери кайрадан көтөрүлүшкө чыгышты, көп өтпөй Араванды ээлеп алышты [1].
Мындай кырдаалда элдин нааразылыгынан жана көчмөндөрдүн толкундоолорунан чочулаган эмир Музаффар Фергана өрөөнүн кармап туруудан айныйт да, Кокон тагына Кудаяр ханды үчүнчү жолу отургузуп, Бухарага кайтат. Эмир өзү менен кошо бир нече көрүнүктүү усталарды, толгон мүлктү, колго түшкөн замбиректерди жана гареми үчүн 400 сулуу кызды [2] (анын ичинде Кудаяр хандын карындашы да бар эле) ала кеткен.
Кыргыз, кыпчак көчмөндөрүнүн курал таштабай тынымсыз бийлик талашууга кылган аракеттери Музаффар менен Кудаярды гана эмес, орус бийликтерин да тынчсыздандырган. Ош шаарынын тегерегиндеги көчмөндөр эми Маргалаң менен Оштун акими Кудаяр хандын иниси Султан Мурат бектин айланасына топтолушкан. Султан Мурат 1866-жылдын эрте жазында Ош чөлкөмүндө зекет чогултуп жүргөн. Кудаярдын бөлөсү Мадаюб бектин пикири менен 200-300 кыргыздар жана кыпчактар Султан Мурат бекти хандыкка көтөрүп, Кудаяр ханды тактан алып таштоону сунуш кылышкан. Буга Султан Мурат бек каршы чыккан, ал түгүл козголоң жөнүндө Кудаяр хандын өзүнө билдирип койгон. Ушуга байланыштуу козголоң ордунан чыкпай, Мадаюб бек даргага асылган. Бирок, кийин деле тоолуктар толкундоолорун улантышып, бийлик талашуу оюнан кайтышкан эмес.
Убактылуу жеңилүүгө учураган кыргыз-кыпчак бийлери тактикалык чегинүү жасап, Кудаяр ханга таазим кылып келип жатышты. Алайдан атайын түшкөн Курманжан датка Коконго келип ханга салам берип кетти. Кудаяр хан энеси Жаркынайым менен жакшы ымалада болгон Курманжандын «датка» титулун дагы бир жолу расмий бекитип, белек-бечкек берип жөнөткөн. Коконго ээрчите барган тун уулу Абдылдабекти 1865-жылы Ташкенде Алымкулдун кошууну менен оруска каршы кармашта мерт болгон Жаркынбайдын ордуна Ошко аким дайындатып, бир топ жерден харадж чогултууга укук алып кайткан. Кыргыз көчмөндөрүнө таасири зор Курманжандай инсандар Кудаярдын бийлигин тааныгандыгы башка кыргыз-кыпчак бийлеринин тынчышына алып келген. 1866-жылы 18-майда Ирджар чебиндеги Бухара кошуунунун орус аскеринен жеңилип калышы менен Кожент шаары кайрадан Коконго өтүп, ага кыргыз бийи Молдо Тойчу датка аким коюлган. (Бирок ал сентябрда Кожентти орус армиясы басып алганга чейин гана бийлик кылган.) Бул фактылар хан менен тынчы жок кыргызкыпчак бийлеринин убактылуу жарашуусун көрсөткөн.
Кокондо жогорудагыдай окуялар жүрүп жаткан мезгилде, орус колонизаторлорунун басып алуулары уланып жаткан. Бийликке бирөөнүн күчү менен келген Кудаяр хан Орусия жүрүштөрүнө каршылык көрсөтмөк турсун, өз жанынан коркуп, ордодон эч жакка чыккан жок. Орус бийликтерине, тескерисинче, жагынуу, кошомат кылуу аракетине өткөн.
1866-жылы Коженттин, Бухара ээликтери Оро-Төбөнүн жана Жызактын орус аскерлери тарабынан каратылышынан кийин Кокон хандыгынын чөлкөмү негизинен Фергана өрөөнү менен гана чектелип калган. Бухара менен түздөн-түз карым-катнаш үзүлгөн. Кокон ханы Кудаяр бул окуялардан кийин ички маселелер менен гана алек болуп жатты. Анын үстүнө Кокон хандыгынын 1865-жылга чейинки ээлиги болуп келген Ташкент 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугунун борбору болуп саналган. Ошондуктан ал Орусиянын басып алууларын айласыздан таанып, Ташкент менен дипломатиялык мамилеге өтүүгө аргасыз болду.
Кокон мамлекетинин учурдагы абалы жөнүндө жергиликтүү орус бийликтеринин өкүлдөрү олуттуу пикирлерди айткандыгы маалым. Мисалы, К.П.Кауфман алгачкы күндөрдө Петербургга Орусиянын Түркстандагы абалынын бекем экендигин, Кокон жана Бухара тургундарынын орус бийликтери менен тынч мамиледе тургандыгын, ошондуктан согуш саясатынын азырынча максатка ылайык эмес экендигин билдирген [3]. Ал эми Оренбург генерал-губернатору Н.А.Крыжановский 1866-жылы 1-июлда Согуш министри Д.А. Милютинге жазган катында «… Кокон өкмөтү биздин бийликке баш ийүүсү жөнүндө өзү демилге көтөргөндөй саясат жүргүзүү зарыл…, керек болсо Кудаяр хан Орусиянын вассалы болуп калууга тийиш…» деген оюн айткан [4]. Кийинки жылдары орус-кокон мамилелери так ушул таризде өнүгүп жатты.
Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1868-жылы 29-январда Кудаяр хан менен К.П. Кауфман соода келишимине кол коюшту. Документ соодага арналганы менен анын максаты башкада болгон. Келишим боюнча Орусия төмөнкү укуктарга: 1) Эки тараптан кирген товарларга 2,5% зекет салуу; 2) Эки тараптын көпөстөрүнө эки жактын тең ээликтеринде эркин соода жүргүзүүгө жана кербенсарайларды салууга; 3) Орус соода агенттеринин Кокон хандыгынын каалаган жеринде иш жүргүзүүгө; 4) Кокондун бардык шаарларында орус кербен башчыларынын жайгашышына; 5) Хандыктын чөлкөмү аркылуу орус кербендеринин каалаган жакка тоскоолдуксуз өтүүсүнө кеңири укуктар берилет [5]. Ошентип, бул келишим Кокон хандыгын Орусиядан вассалдык көз карандылыкка алып келген [6].
Кудаяр хандын кийинки аракеттери жогорку пикирлерди ырастаган. Ал падыша өкмөтүнөн качкан качкындарды кайтарып берип турган, соодагерлер менен кошо келген түрдүү саякатчы, илимпоз кейпиндеги чалгынчыларга Кокон чөлкөмүн кыдырууга дайыма уруксат берген. Мисалы, А.П. Хорошкиндин өкүлчүлүгү (1868), Иванов деген табияттаануучунун Кокондон Нарынга чейин өтүп, кайра кайтышы (1868), Краузе аттуу табияттаануучунун Наманган чөлкөмүндө табылган нефти булагына барып келиши (1869), Верещагиндин Кокондо болушу (1869), К.В. Струвенин географиялык изилдөөлөрү жана Кокон хандыгынын картасын түзүшү (1870), А.П. Федченконун Алай, Памир тоолоруна болгон саякаты (1871) жана башкалар. Ушул жылдары европалык саякатчылар Друцкий менен Адамоли да Кокондо болушкан.
Кудаяр хан тышкы саясатта өз алдынча иш жүргүзө албай, олуттуу маселелер боюнча К.П. Кауфман менен кеңешип турган. Орус бийликтеринин жардам берүүсүнө толук ишенип калган Кудаяр хандыктын куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүнү да унуткан. Ички иштерде ал кээ бир курулуштарды курдуруп, анча-мынча ирригациялык системаларды оңдоттурганы болбосо, негизги саясатты хан казынасын, башкача айтканда, өз чөнтөгүн толтурууга гана багыттаган. Ошол эле учурда орус өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүп, чек арага жакын турган аскерлерди азык-түлүк, жем-чөп менен камсыз кылууну мойнуна алган.
Кудаяр хан падышага жагынуу үчүн ал турсун Петербургга элчи жиберүүнү К.П. Кауфмандан суранган. Генерал буга макул болуп, натыйжада орус тилин жакшы билген Хаким Уманов деген киши борборго жиберилген. Александр II элчиге жана Кудаяр ханга белек-бечкек берип жиберген. К.П.Кауфмандын рапортунун негизинде, хан бриллиант жылдыз кадалган I даражадагы Станислав ордени менен сыйланган. Кудаярдын уулуна да Орусияга саякаттап келүүгө уруксат берилген. Ошентип, бир аз убакытта эле Кудаяр хандын кошоматчылык саясатына байланыштуу Кокон хандыгы Орусиянын факты жүзүндөгү жарым колониясына айланган.
Кокон хандыгынын чөлкөмдүк кичирейиши казынага түшүүчү алык-салыктардын көлөмүн кескин кыскарткан. Бул аскердик чиндердин, бийлик башындагы феодалдардын кызыкчылыгына терс таасирин тийгизген. Жоголгон байлыктын ордун толтуруу зарылчылыгы ички алыксалыктарды кескин көбөйткөн, эзүүнүн күчөшүнө алып келген.
1865–68-жылкы окуялардан кийин кыргыз, кыпчактардын Кудаяр ханды алмаштыруу үчүн жүргүзгөн күрөштөрүнүн тизими башталган. Муну орус бийликтери да байкашкан. Көчмөндөрдүн Кудаяр хандын иниси Султан Мурат бекти мураскорлукка көрсөтүшү бул аракеттерди далилдеп турат. Курманжан датканын Коконго келип Кудаяр ханга жолугуп кетишине, Кудаярдын кыргыз бийлерин өз тарабына тартууга кылган аракеттерине карабастан бул тенденция улам күчөй берген. 1867жылы жазда Алайдагы Кызыл-Коргондогу, 1870-жылы Алайдагы, 1871-жылы жазында Сохтогу көтөрүлүштөр буга мисал боло алышат. Ошол эле жылы «Батыр хан төрөнүн козголоңу» деп аталуучу окуя жөнүндө маалымат бар. Кийинки жылдары майда көтөрүлүштөр жана толкундоолор Фергана чөлкөмүнүн бардык жерлеринде тынымсыз чыгып турган. Алардын ичинде Алай чөлкөмү толкундоолордун бирден бир очогу бойдон кала берген.
Ошентип, 1868–73-жылдардын ичинде 1868-жылы орус-кокон, орус-бухара, 1873-жылы орус-хива келишимдери Орто Азиянын үч хандыгын Орусиянын вассалына айландырып, 1871-жылы Кулжаны басып алуу, 1872-жылы орус-кашкар, 1872–73-жылы англо-орус келишимин түзүү эл аралык деңгээлде падышачылыктын экспансиялык максаттарына кеңири жол ачкан. Кудаяр хандын зордук-зомбулугу, Орусиянын басып алуу саясатынын күчөшү кыргыз, кыпчак көчмөндөрүнүн элдик кыймылды баштоосуна өбөлгө түзгөн.
Кокон хандыгынын түзүлөр алдындагы жана анын мезгилиндеги кыргыз тарыхый инсандарына бейнелер
Акбото бий
Маматраим аталыктын уулу Акбото ХVIII кылымдын башында Кожент шаарына жана анын атрабына бийлик кылып турган өкүмдар болгон. Кожент ал кезде Бухара эмирлигинен да, Фергананы бийлеп турушкан Чадактын кожолорунан да көз карандысыз өз алдынча болгон. Акбото ичкилик кыргыздардын тейит уруусунан чыккан да, нөкөрлөрү, жигиттери, кол башчылары (Кыргыз Паңсат) кыргыздардан болгон. Айрым бир изилдөөлөрдө (Сапаралиев Д. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. – Б.,1999. – 12-бет.) аны саруунун кырк-уул уругунан болгон деп, жунгар чабуулдарынын мезгилинде Кожент тоолоруна карай эмиграцияга кеткен аксылыктардын бийи катары сүрөттөйт.
Акбото бий Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бийдин кызына үйлөнүп, анын күйөө баласы болгон. Көчмөндөрдүн салтында күчтүү бийлөөчү гана башка бир атаандашынын кызын аялдыкка алуусу шарт экендиги маалым. 1709-жылы Кокон хандыгы негизделгенде Акбото бий кайын атасы Шахрух бийдин Фергана өрөөнүндө саясий бийликти Чадак кожолорунан тартып алышына чоң аскердик көмөк көрсөткөн. Бул окуяда миңдер менен кыргыз бийлеринин бийлик сересиндеги убактылуу биримдиги чагылган. Ага биринчиден туугандык шарт, экинчиден кожолордун теократиялык бийлигинен кутулууга болгон жалпы аракет себеп болгон.
Шахрух бийдин тун уулу Абдурахим бий Акбото бийдин ордосунда тарбияланган. Акбото бий кайниси Абдурахим бийди эрезеге жеткирүүгө гана көмөк кылбастан, аны менен кайсы бир деңгээлде Кожентти бийлөө укугун да бөлүштүргөндүгү маалым. Анын үстүнө ага өз кызын аялдыкка да берген. Бирок, тың күйөө баласынын бул жердеги аброюнун өсүп кетишинен чочулаган Акбото Абдурахимди тындым кылууга буюрат. Муну билип калган Абдурахим бий атасы тарапка качып жөнөйт. Акбото бийдин Кыргыз паңсат баштаган жүзгө жакын жигити менен Шум-Коргондогу беттешүүдө Абдурахим бий бошонуп чыгат. Шахрух бий уулу менен күйөө баласын жараштырууга жетишет, бирок көп өтпөй өзү 1721-жылы дүйнөдөн кайтат. Атасынын ордун 1721-жылы ээлеген Абдурахим бийдин ичинде кеги калат да, 1725-жылы Акбото бийди эки уулу менен жашыруун өлтүртүп, Кожент вилайетин Кокон хандыгына кошуп алган.
Кубат бий кушчу
Кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны, саясий ишмер. Кубат бий Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын төбөлү катары азыркы Ноокен районунун Сакалды айылын туруктаган сол канат кыргыздарынын кушчу уруусунан чыккан бий. Туулган жылы белгисиз. Кокон башкаруучусу Абдыкеримдин (1735–1751) мезгилинде жунгарлардын баскынчылыгына каршы биргелешип сокку уруу үчүн кокон бийликтери кыргыздар менен союз түзүп, Кубат бий Кокон хандыгынын бир башкаруучусу (соправитель) деп да аталган. 1741–45-жылдардагы калмактардын Ферганага болгон жортуулдарында Кубат бий менен кокон бийлеринин биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. Эрдене бий (1751–1770) башкаруусунун алгачкы жылдарында ОроТөбөгө ээ болуу максатында ал кыргыз бийлери менен өнөктөш болууга аракеттенген. Мына ушул кырдаалда Кубат бий негизги ролду ойногон.
Тарыхый булактарда Кубат бий «кыргыздын падышасы» деп аталып, «өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп же ажырашып турган» делет. Кокон хандары жана Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешип турган.
1855-жылы Кубат бий Цинь империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан кашкарлык Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча Чыгыш Түркстанга кеткен. Ушул окуядан кийин Кубат бийдин тагдыры белгисиз. Ал жакта набыт болгонун уккан, карындашы Аксуусар «Кубат хан өлбөй кут өлдү, кушчу, мундуз журт өлдү» деп кошкондугу эл оозунда айтылат.
Нүзүп бий
Нүзүп (1798–1844) Аксынын Авлетим өрөөнүндө жашаган саруунун кырк уул тобунан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер, аскер башчы. Кокон хандыгында кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп «миң башчылык» даражага жеткен тарыхый инсан. Нүзүп Эсенбай уулу 1798-ж. жарык дүйнөгө келген. Атасы Эсенбай да Кокон хандыгында таасирлүү адамдардан болгон. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүн 3 мезгилге бөлүп кароого болот.
- мезгил – 1810–1822-жж. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүнүн башталышы. Ал өзүнүн саясий жана мамлекеттик ишмердигин Омор хандын тушунда Кокон аскерине кызмат өтөөдөн баштаган. Өзүнүн эрктүүлүгү, чапчаңдыгы менен айырмаланган Нүзүп тез аранын ичинде эле «он башы», «жүз башы» аскердик чиндерин алууга жетишет.
- мезгил – 1822–1840-жж. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүнүн өнүккөн мезгили катары кароого болот. Мадали хандын жекече тапшырмасы менен Оро-Төбө, Каратегин, Алай аймактарында тынчтыкты орнотууда, Бухара хандыгы менен болгон чегара маселелерин тартипке келтирүүдө өз салымын кошуп, хандын бир топ тапшырмаларын ийгиликтүү аткарууга жетишет. Бул кызматтары үчүн Мадали хандын мезгилинде миң башылык кызматты ээлейт. Хандын буйругу менен 1831жылы паңсат даражасындагы Нүзүп баштаган кокондук делегация кытайлыктар менен келишим түзүү үчүн Пекин шаарына барган. Натыйжада, кокондуктар тарабынан колдоого ээ болуп турган Чыгыш Түркестандагы антициндик кыймылдан чочулаган кытай өкмөтү 4 пункттан турган келишим түзүүгө макул болушкан. Нүзүп паңсаттын жетекчилиги астында түзүлгөн бул келишим бир жактуу болуп, кытайлыктар үчүн өтө ыңгайсыз болгон.
- мезгил – 1842–1844-жж. Нүзүптүн саясий ишмердүүлүгүнүн гүлдөө жана кризис мезгили катары кароого болот. Мадали хан өлтүрүлгөн соң хан тактысына мураскор издөө башталат. Нүзүп башында турган кыргыздын таанымал адамдары хан тактысына талапкерлер издешип, Нүзүптүн сунушу менен Таласта жашап турган хан урпагы Шералыга токтолушат. Шералынын атасы Ажы бий Нарбото бийдин бир тууган иниси болгон. Нарбото бий менен Ажы бийдин энеси чаткалдык кыргыздардан болуп, Ажы бий таякелеринде жашаган. Нарбото бий өлгөндө (1799), Нарботонун тун уулу Алим атасынын тажиясына келген Ажы бийди такка атаандаш болот деп өлтүрткөн. Ажы бийдин үч уулунун экөөсү: Улугбек, Шералы Чаткалга качышкан. Бекоглу энеси менен Ферганада калган. Кийинчерээк Улугбек ураган тамдын алдында калып көз жумгандан кийин, Кокон ордосунда кызмат өтөгөн Назарбек сакоонун тапшыруусу менен Аксылык Эсенбай (кадимки Нүзүп бийдин атасы) жаш Шералыны таластык таякелерине жеткирет. Шералы Таласка барып, 1842-жылга чейин таякеси Ажыбай датканыкында (кай бир чыгармаларда Базар баатырдыкында, кай биринде Асперди баатырдыкында) жашаган. Шералы хан 50 жашка чыкканга дейре таластык кыргыздардын арасында жүрүп, аксылык саруулардын баргы тобунун бийи Токтоназар бийдин кызы Жаркынайымга үйлөнгөн.
Нүзүп бий баштаган делегация 1842-жылы ашуу ашып Шералыны алып келүүгө Таласка жөнөгөн. Арадан көп өтпөй Нүзүп бий Шералыны үй-бүлөсү менен июнь айында азыркы Аксы районуна караштуу Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги Төп-Жаңгак деген айылга (Карагүп) көчүрүп келет. Бул кыштак саруунун баргы тобунун белгилүү бийи Токтоназардын (Жаркынайымдын атасы) кыштоосу болучу. Карагүптө Шералыга хандык бийликтин шарттарын түшүндүрүп, тамга таанытып, ордодо жашоого даярдашат. Күн мурунтан сүйлөшүлгөн келишим боюнча Шералыны хан көтөрүү аземи азыркы Ала-Бука менен Аксы райондорунун чегиндеги Сафед-Булан кыштагынын Шах-Фазиль мазар-мавзолейинде болуп өткөн. Ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн Шералыны Нүзүп бий баштаган куралдуу кошуун такка олтургузуу үчүн Кокон шаарына алып жөнөшкөн. Көп узабай Нүзүп бийдин кошууну Коконду ээлеп, Шералы такка олтурган.
Шералы хан тактысына отураары менен Нүзүп миң башылык кызматты ээлейт. Кокон ордосундагы хандык бийлиги (1842–1944) мезгилинде Шералы хан чечкиндүү эмес, өтүмсүз, жумшак хан экендиги даана байкалган. Ошондуктан Шералы хандын доорунда Нүзүп ордодогу эң таасирлүү фигурага айланган. Мамлекет башкарууда тажрыйбасы жок Шералы ар дайым Нүзүптөн кеп-кеңеш сурап турган. Албетте, биринчиден, Нүзүптүн Кокон ордосундагы таасирлүү инсандардын бирине айланышына анын өзүнүн жеке ишмердик касиети болсо, экинчиден Жаркынайымдын таасири да тийбей койгон эмес. Нүзүптүн аброюнун өсүшү бийликти самаган топторго жага берген эмес. Натыйжада ордодо бийлик үчүн саясий күрөш кайрадан күчөп, кыпчак бийи Мусулманкулдун жана Шады датка башында турган ордодогу кутум топтун жашыруун козголоңунун кесепетинен 1843-жылы алгач хандын оң колу болгон, 1844-жылы Маргалаңда аким болуп турган Нүзүп миң башынын өмүрү кыйылып, көп узабай 1944-жылы Шералы хан өзү да шейит кеткен. Кокон хандыгынын өсүп өнүгүшүнө чоң салым кошкон улуу саясий ишмер Нүзүптүн урпактары бүгүнкү күндө Авлетим айлында жашашат.
Мусулманкул миңбашы
Кокон ордосундагы белгилүү саясатчы, элеттик кыпчак бийи болгон. Мусулманкул миң башынын бийлик кылган жылдары 1844–52-жылдарга туш келет. Мусулманкулдун туулган жылы белгисиз. Анын кыштоосу азыркы Өзбекстандын Наманган облусунун Хакул-Абад районунун Көгөй кыштагы болуп эсептелет. Мусулманкул кетмен-төбөлүк кыргыздардын жээни, ошол эле учурда күйөө баласы да болгон. Ошондуктан аны кыргыз төбөлдөрүнүн бир тобу жактаган. 1843-жылы Мусулманкул менен Шады датканын (өзбек) ордодогу жашыруун тобунун иштеринин натыйжасында айтылуу Нүзүп бий, анын артынан эле 1944-жылы Шералы хан өлтүрүлгөндүгү белгилүү. Ордодо алайлык кыргыздардын, ичкилик кыргыздардын абагат уруусунун бийлеринин, Исфаранын жана Коженттин акими кыргыз Сатыбалды датканын (Касымбек аталыктын уулу) жана көчмөн өзбектердин миң уруусунун бийи Рахматулла датканын жардамы менен бийликке келген кадимки Алим хандын Оро-Төбөдө жашаган бир урпагы Мурад хан бийлик жүргүзүп турган эле. Кай бир булактарда ал 7, кай биринде 11 күн хандык кылган делет. Ошол жылы жай мезгилинде Мусулманкул өзүнө караштуу аскер менен Коконго басып кирген. Шералы хандын аялы саруу кыргыздарынын баргы уругунун кызы Жаркынайымдан төрөлгөн тун уулу ошол кезде 14 жаштагы Кудаярды хан көтөрүп (бул окуя 1845-жылы болгон), мамлекеттеги бийликти толук колуна алган.
Жер-жерлердеги бийлик орундарына кыпчактар дайындалып, мунун өзү отурукташкан калктын, көчмөн кыргыз төбөлдөрүнүн нааразылыгын туудурган. Кокон хандыгында ошол эле учурда кыпчактардын эки тобунун ортосунда да саясий атаандашуу күчөп, ич ара кагылышуулар башталган.
Каардуу Мусулманкулдун бийлик кылган мезгили ордодогу саясий кризистердин күчөшүнө жана Орусиянын Казакстан аркылуу басып кире башташына туш келген. Орустардын түштүккө карай жылышы Мусулманкулду тынчсыздандырган. Ал 1847-жылы Петербургга хандын расмий нааразылык каты менен кошо элчилик жөнөткөн. Бирок, орус бийликтеринен оң жооп болбогон соң Мусулманкул Орусия менен мамилени таптакыр үзгөн. 1844–53-жылдары Мусулманкул баштаган кыргыз-кыпчак төбөлдөрүнүн бийлик талашуу күрөштөрүнүн натыйжасында Түндүк Кыргызстанда Кокон бийлигин чыңоо, орус баскынчылыгына каршы туруу маселелери экинчи орунда калган. Мындай абал Орусиянын Кыргызстанды каратышына кыйла жеңилдик түзгөн.
Мусулманкул бийликти өз колуна толук топтоо максатында Кокон ханы жаш Кудаярды (өзүнүн күйөө баласы) ордо чечимдерине жолотпостон, ордо бийлигине ага атаандаш болушу мүмкүн делген кыргыз, өзбек гана эмес, кыпчак бийлерин да колдон келишинче жок кылууга аракеттенген. Ошондуктан Мусулманкулдун бийлигине каршы алайлык Алымбек датка баштаган кыргыздар гана эмес, ошол кездеги Ташкендин кушбеги (наместник) Нармамбет кыпчак да оппозицияда болгон. 1850–51-жылдары Нармамбет ташкендик казак, таластык, чүйлүк кыргыздардын бий-манаптарын колго алуу аркылуу абалын бекемдеп, Мусулманкулга ачык каршы чыккан. Аны ордодо да бир топ өзбек, кыргыз, атүгүл кыпчак феодалдары (Мисалы Өтөмбай Миң башы) колдоого алган.
Кокон тарыхчысы Мулла Юнусжан бул тарыхый окуяларды төмөндөгүдөй сүрөттөйт. Болжол менен хижранын 1266-жылы (1850) Мусулманкул миң-башы Кокондо Мулла Халбек кушбегин, Мухаммаджан Аскер башчыны, Рахманча датканы өлтүргөнү үчүн Ташкен акими Нармухаммед кушбеги, Муллакарим дасторкончу жана Мулла Кулбаба рисалачылар ага жоо болуп турган. Нармухаммед Якуббекти (кийин Бакдөөлөт титулун алып, Кашкарды башкарган инсан) Акмечиттен алып келип, Ташкенге бахадурбашы кылып дайындаган. Якуббек Мусулманкул менен Чылчык жээгинде салгылашып, Мусулманкул жарадар болду да Кыргызыя тарапка качты. Анын ордуна Өтөмбай кушбегин миңбашы көтөрүшүп, ошол кезде Мусулманкул менен каршылашып, Ташкенге качып барган Кудаяр хан Кокон тарапка жөнөдү.
Ошол кезде Ташкент мансаптуулары – Шадманкожо миң башы, Мухаммад Нияз паңсатбашы, Фазылбек паңсатбашы жана Касым паңсатбашылар ынтымак түзүп, Нармухаммад кушбегинен жашыруун бүтүндөй Кыпчакыяны ордодон кетирүүгө ант беришкен. Куран көтөрүшүп убадалашышкан. Анан Кокон тарапка жөнөп, андан өтүп Шахиданга түшкөндө убадаларын кайрадан бекемдешкен.
Андан көчүп Чилмахрамга келишкенде, Кокон шаарынан Кожокален төрө, Каримкул мехтар, Кожент акими Мухаммад Назар парваначы жана Момун кожо даткадан өкүл келген. Алар да Куранды бетке тутушуп, ант беришип, кайтышкан. Ошол күнү дарыядан өтүп Чарбак кыштагына конуп, ал жерден таң атпай көчүшкөн. Якуббек аскери менен бирге илгери жөнөп, Нармухаммад кушбеги Махрам Яссаул менен жетип келгенде, күн толук тийген эле.
Ошентип Кокон ордосунун дарбазасынын жанындагы сайга жетип келдик. Бул убакта салам берүү үчүн кыпчактар да ордо ичинде турушкан экен. Ошол учурда Якуббектин ысмы менен бүткүл аскерлер кылычтарын кынынан чыгарып, мылтыктарын белендеп: «Кай жерде кыпчак болсо, өлтүргүлө», – деп үнүнүн барынча кыйкырышып, баары аттуу жана жөө болуп Арыктын ичине киришти. Ал жерде хандын тегерегинде дасторкондо отурган кыпчактарды алып чыгып өлтүрө башташты. Ал күнү Өтөмбай миң башы жана Нармухаммад кушбегинин балдарынан башка Кокон шаарында тирүү кыпчак калбады. Андан соң Кудаяр хан Касым паңсатбашыга миң башылыкты, Мулла Сайфуддинге дастаркончулукту, Якуббекке шыгавулдукту, Мухаммад Нияз паңсат башыга Ташкент өкүмөтүн, Дүйшөбай курамага Кирөөчү өкүмөтүн, Мухаммад Назар парваначыга Кожент өкүмөтүн берип, үч-төрт күн шаарды тартипке келтирди.
Ушундан кийин Кудаяр хан Мусулманкул миң башыны жана бүткүл кыпчактарды күм-жам кылыш үчүн Жеке-Сарай жакка аттанды. Ал жерге баргандан кийин Мусулманкул миң башы да бүткүл кыпчактар менен бирге жандарынан кечишип, колдон келишинче каршылык көрсөтүштү. Салгылашуу аябай катуу болду. Кыпчактар да Кудаяр хандын кошууну да алсырап, майдаланды. Бирок, Кудаяр хан өзү, Малабек, Шадман кожо миң башы жана Калыканын тукумдарынан болгон Анжиян акими Иса парваначылар бул салгылашууда кыйла туруктуулук жана эрдик көрсөтүштү.
Акыбетинде Мусулманкулдун аскери жеңилип, аягында кыпчактар Мусулманкулдан тескери бурулуп, ага кулак салбай коюшту. Тескерисинче, кыпчактар Мусулманкулду колго түшүрүшүп, жаманыбыз ушул дешип, Кудаяр ханга тапшырышты. Бул жосун кыпчактарга эч кандай пайда келтирбеди. Тескерисинче, Кудаяр Атамкул парваначы, Калыхаммат датка сыяктуу кол башчылардын көзүн тазалап, Мусулманкулду Йолчубек датканын күзөтүүсү менен Коконго жөнөттү жана даргага астырды. Кудаяр хан өзү Коконго келип 1852-жылы ноябрь айында кайрадан такка конду.
Тарыхый маалыматтарда Мусулманкулдун күчтөрү менен чечүүчү салгылашуу Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш жагындагы (Анжыян менен Балыкчынын аралыгында) Былкыллама деген жерде 1852-жылы күз айларында болгон. Бирок, Мусулманкулдун аскерин талкалоо го Нармамбет датка катышкан эмес. Кармашта 1500гө жакын кыпчактын өлүгү Кара-Дарыяга ыргытылган. Кудаяр хандын талабы боюнча Мусулманкул кармалып ордого алынып келинген. Кыпчактардын калаасынан ордого чейин ар бир 100–200 кадам сайын Мусулманкулдун көз алдында 5–10 кыпчактын башы алынып турган. 1862-жылы күз айларында Мусулманкул дарга асылган. Жалпысынан 1851–52-жылдары Кокон хандыгында 20 миң чамалуу кыпчак атуулдары кырылгандыгын булактар ырасташат.
Бул салгылашууда эки тараптан бир нече миңден адам өлүп, ал Кокон тарыхындагы кандуу кагылышуулардын ирилеринин бири болуп эсептелет. Бул оор салгылашуунун жыйынтыгында Кудаяр хан өзү баштаган антикыпчактык күчтөрдүн жеңиши менен аяктаган жана Мусулманкулга нааразы болгон айрым кыпчак феодалдары Мусулманкулду ханга кармап беришкен.
Кудаяр хан Мусулманкулду Йолчубек датканын күзөтүүсү менен Коконго жөнөтүп, даргага астырган. Ошол кезде 22 жаштагы Кудаяр хан Кокондогу гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүндөгү кыпчак калкын тукумкурут кылууга буйрук кылган. Анын мындай чечимине Мусулманкулдун запкысын көргөн ордодогу бийлик ээлери түрткү беришкен. (Караңыз: Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханства. – Ташкент, 1973. – 46-бет.)
Кедейбай датка
Кокон ханы Кудаярдын (1829–1879) бир тууган таякеси, саруу бийи. Кедейбайдын «датка» наамын качан алгандыгы булактарда белгисиз. Кыргыздын сол канатынын ири урууларынын бири болгон саруулардын баргы тобунун бийи Токтоназардын уулу, «хан тагасы» эсептелген Кедейбай датка Кокон ханы Шералынын (1794–1844) аялы, айтылуу Жаркынайымдын бир тууган агасы болгон. Токтоназар бий жана анын уулу Кедейбай датканын (тарыхый булактарда Гадай бий деп да аталат) кыштоолору азыркы Аксы району менен чектеш Өзбекстандын Наманган областынын Уйчу районунда, Жаңы-Коргон районунун Сарай, Беш-Тал, Пишкаран деген жерлеринде болгон. Кедейбай Наманганда, Чартакта бектик кылган. Атасы Токтоназар бийдин көзү өткөндөн кийин Кедейбай урук туугандарын жана уулу Дөөлөталыны азыркы Аксы районундагы КараСуу суусунун жээгинде жайгашкан Топ-Жаңгак айлына (Каракүп) көчүрүп келет. Азыркы учурда Кедейбайдын урпактары ошол айылда жашап жатышат. Кедейбай датканын өзбек аялынан тараган жоон топ урпактары Өзбекстандын Фергана областынын Алты-Арык кыштагында турушат. Тарыхый маалыматтарда 1914-жылы Кедейбай даткага урпактары чоң аш бергендиги маалым. Ошол ашта жаш кезинде Кедейбайдын акыны болуп жүргөн айтылуу Нурмолдо менен анжыяндык акын Мыса айтышкан делет.
Жаркынайым
Кыргыздын сол канатынын ири урууларынын бири болгон саруулардын баргы тобунун бийи Токтоназардын кызы, Кокон ханы Шералынын (ХVII кылымдын аягы – 1844) аялы, Наманган беги Кедейбайдын бир тууган карындашы, Кудаяр хандын (1829–1879) энеси болгон. Жаркынайымдын туулуп өскөн жери Кыз-Рабат. Бул аймак азыркы Наманган облусунун Уйчу районуна караштуу Аксикент деген жерде жайгашкан.
Жаркынайым менен Шералы Сарымсак, Кудаяр, Султанмурат аттуу уулдуу болушкан. Алардын ичинен Кудаяр Кокон хандыгындагы белгилүү хан болуп, хандыкты жалпысынан 25 жыл башкарган инсан.
Жаркынайым менен айтылуу Курманжан «датка» жакшы мамиледе болушкан. Алардын мамилеси 1830жылы «датка» наамын алган айтылуу Нүзүп Эсенбай бий уулунун жана ошол эле жылдары «датка» наамын алган Алымбек Асан бий уулунун 1830–1845-жылдардагы Кокон ордосунда кыргыз бийлеринин үстөмдүгүн орнотуу күрөшүндөгү саясий кызматташтыгы мезгилинде, Шералы ханды такка олтургузуу иштеринде бекиген.
Жаркынайым Шералынын сүйүктүү аялы гана эмес, эң жакын кеңешчиси да болгон. Ордодо «Хаким айым» атка конуп, өтө таасирлүү инсан эле. Ордодогу хан сарайдын короосунда кышы-жайы дайыма ак өргөө тиктирип, ошондо жашаган. Кыргыз төбөлдөрүнүн ордо бийликтерине аралашуусунда, так талашууларда олтурукташкан шаар-кыштак калкы менен элеттиктердин мамилесин бекемдөөдө Жаркынайымдын ролу чоң. Кудаяр хан энеси Жаркынайымды өтө сыйлагандыгы, ар күнү эртең менен энесинин ак өргөөсүнө салам айтып учурашып тургандыгы, 1868-жылы энеси Жаркынайым өлгөндө үч күн бою ыйлап, мүрзөгө жөө коштоп барып өз колу менен көмгөндүгү булактарда айтылат. Кыргыз кызы, хан энеси, «хаким айым» аталган Жаркынайымдын сөөгү Кокон шаарынын ири көрүстөндөрүнүн бирине коюлган.
Алымбек датка Асан бий уулу
Алымбек датка (1799–1862) – кыргыз элинин белгилүү тарыхый инсаны, Түштүк кыргыздарынын ири уруу башчысы, Кокон хандыгындагы мамлекеттик, саясий ишмер. Алымбек датканын теги адыгине уруусуна такалат. Санжыра боюнча Адыгинеден Жолжакшы, Бөрү, Баргы жана Сарт туулган. Жолжакшыдан Жору туулуп, ал учурда өзүнчө чоң урук. Адыгиненин Сарт аттуу уулу сарт аялынан төрөлгөн эң кичүүсү болуп, аны Адыгине башка уулдарынын күнүлөшүнөн этияттап мамиле кылган. Санжырада бөрү, жору жана баргы уруусу менен сарттар уруусунун өз ара мамилеси «күнүбатча» деп аталып келген.
Адыгиненин баргы уруусу «он эки ата хан баргынын тукуму» деген ат менен белгилүү. Баргы Сансыз жана Сатыке аттуу эки уулдуу болот. Сансыздан учурда Ош областынын Алай, Кара-Суу районунун айылдарында, Өзбекстандын Анжиян областынын Булакбашы, Коргонтөбө жана Кожоабад райондорунда жашап жаткан Ардай, Мөнөк жана Кенжекул уруктары тараган. Сатыкеден Ысаке жана Мырзаке. Ысакеден тараган тазбаргы, карабаргы, сарыбаргы уруктары Ош областынын Кара-Кулжа, Өзгөн жана Алай райондорунда жайлашкан. Мырзакенин урпактарынан Тилеке белгилүү инсан болгон. Тилеке Гүлчө, Ноокат, Черик, Ажыбек, Каргалдай, Бакы, Курманбай деген уулдары төрөлгөн. Алардын ичинен Ажыбек (Ажы бий) түштүк кыргыздарынын белгилүү бийи болуп, ал Фергана өрөөнүнүн чыгыш аймактарынын түздүктөрүн жана Ош шаарынын айланасын бийлеп турган. Кезегинде Ферганадагы адыгине, мунгуш, басыз, саяк, кушчу, карабагыш урууларын бириктирүүгө аракет кылып, XVIII кылымдын 60-жылдарында Кокон ханы Эрдене менен Ош шаары үчүн карама-каршы мамиледе болгондугу белгилүү. 1762-жылы Ош шаары Эрдене бийдин бийлигин таанып, Ажы бийдин Фергана кыргыздарынын арасындагы саясий ролу төмөндөй түшкөндүгүнө байланыштуу адыгине, мунгуш, басыз уруулары түздүктөрдү отурукташкан ферганалык «сартиййа» тургундарынын пайдасына таштап, тоо тарапка ооп кеткендиги белгилүү.
Ажы бийдин Шамырза аттуу уулунан Асан, Намаз, Кудаяр жана Арык деген уулдар төрөлөт. Алардын ичинен Асан бий болгон. Асандан Осмон, Өмүрбек жана биз сөз кылып жаткан Кокон хандыгынын ири саясий ишмери жана башкаруучусу Алымбек датка.
Легендарлуу Адыгиненин кичүү иниси Мунгуштан тараган мунгуш уруусу жөнүндө да кыскача айта кетүү зарыл. Мунгуштан Жоош, Төлөйкөн, Жапалак, Жагалмай жана Коштамга тараган. Жапалактан Ороке баатыр, андан Акбай, Акбайдан Темиркул, Темиркулдан кадимки Курманжан датканын атасы Мамаш бий туулган. Ошентип, Алымбек датка менен Курманжан датканын түпкү бабалары легендарлуу Адыгине жана Мунгуш Отуз уулдан барып кошулат.
Келечектеги кыргыз элинин белгилүү тарыхый инсаны Алымбек Асан бий уулу Кокон хандыгы түптөнүү мезгилин аяктап, Борбордук Азиядагы жаңы жана күчтүү мамлекетке айланар алдында 1799-жылы туулган. Ал Ош жана Алай аймактарын бийлеген Асан бийдин сүйүктүү уулу Алымбек жаш кезинен эле саясатка аралашып чоңойгон. 1831-жылы Мадалы хандын колунан датка наамын алып, Кокон хандыгындагы белгилүү мамлекеттик ишмер катары белгилүү болгон. (Додхох – фарсиче «адилеттүүлүк» деген түшүнүк берип, алгач вилайеттин диний көсөмү эсептелип, кийинчерээк хандын жергиликтүү бийлик өкүлү, акими же аскер башчысы катары таанылган. Жылына 10 миң теңге маяна алган «датка» наамындагы инсан хандыкта маанилүү бийлик ээси боло алган.) Шералы хандын (1842–44) башкаруусунун акыркы жылы, анын алык-салыкты эбегейсиз көтөрүп жибергендигине каршы көтөрүлүш чыгарган алайлыктарга жана Ош вилайетинин тургундарына Алымбек датка баштаган Сейитбек датка, Болот датка жана башка кыргыз бийлери жетекчилик кылышкан. Ошол эле жылы Исфара акими кыргыз Сатыбалды жана Рахматулла менен бирдикте Шералы ханга каршы козголоңго да катышкан. 1847-жылы Кашкардагы «жети кожонун козголоңунда», алардын башчысы Катта төрөнүн армиясына кол башчылык кылып, Кашкарды камаган, бирок Кытай баскынчылары көтөрүлүштү басып койгондон кийин, 20 миң качкын менен кошо Алайга кайтып келген. ХIХ кылымдын 50-жылдары чоң саясатка көп аралашпаса да 1853-жылдагы Кокон хандыгындагы саясий кризиске карабай Ысык-Көлдөгү кыргыз бийлери Мураталы, Шералы, Ажыбай сыяктуу ири манаптарга Кокон жарлыктарын кың дебестен аткарып, 1852-жылы уратылган кокон чеп-дубалдарын кайра тургузуу керектигин талап кылган, Кокон ханы менен Ташкент беги пристав М.Д.Перемышльскийдин Ысык-Көлгө кеткендигин угушуп, Иледен аркы орустарды сүрүп чыгарууга чакырган кат жибергендиги маалым. Тарыхый документтерде ал мезгилде Алымбек датка түндүк кыргыздарынын арасында «Кокон ханы» катарында белгилүү болгон.
Алымбек датканын Кокон хандыгындагы саясий аренага активдүү чыгышы 1858-жылга таандык. Ал кезде Алымбек датка баштаган кыргыз бийлери Кудаяр ханга каршы активдүү саясий күрөшкө чыгышкан. Натыйжада Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашууда Кудаяр хандын аскери талкаланып, көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды, Коконду камаган. 1858-жылы ноябрь айында Кокон ордосунун өзүндө да саясий күрөштөр башталып, ал Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Малабек өзүнүн такка олтурушуна көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин – Алымбекти алгач Анжыянга аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындаган.
Алымбек датканын саясий ишмердигинин кийинки окуясы 1860-жылы Орусиянын колониялык аскерлеринин Чүйгө басып киришине байланыштуу болгон. Ошол жылы Токмок, Пишпек сепилдеринин алынганын угар замат, Мала хан Алымбек датканы орус аскери менен кармашууга жөнөткөн. Алымбек «Анжыян колу» деп аталган кошуун менен Нарын аркылуу Чүйгө багыт алат. Жолдо кыргыздардан колун толуктап, аскери 12 миңге чейин жеткен. Алымбектин кошуунунун курамында Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, алардын ичинде Шабдандын да жигиттери болгондугу маалым.
Пишпектин алдында Алымбектин кошууну Ташкенден келген Канат Шаанын кошууну менен жолугат. Алымбек менен Канат Шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада, Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелең өзөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек кошуунун кармашка кийирбей коюп, кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Кара-Кастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачка экинчи чабуул кылууну буйруган Канатка Алымбек кескин каршы чыккан. Кокон ордосунун тарыхчысы Мулла Нияз: «Алымбек кыргыз менен Канат Шаа тажик кошуунга башчылык кылууну талашып, чатак башташты. Жаңжалдан улам Алымбек Анжыян колу менен кыргыздарды майдандан алып чыгып кетип, салгылашуунун сыймык же маскаралык алып келүүчү тагдырын колунан чыгарды…», – деп жазган.
Алымбектин мындай чечиминин түпкү максаты, бүткүл кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет уюштуруу же кокон ордосун толук ээлөө болгон деп ойлоого болот. Ошондуктан, ал орус бийликтери менен ушул мезгилден баштап эле ымала түзүүнү көздөгөн болушу мүмкүн. Анын биринчи шарты орус аскери менен согушпоо экендигин жакшы түшүнгөн. Орусияга жүз буруп турган Чүй, Ысык-Көл кыргыздарынын манаптарынын пикирлери да эсепке алынган. Узун-Агач салгылашуусунун алдында эле Жангарач, Байтик, Шабдан жана башкалар менен жолугушкан Алымбек үчүн кармашта Канат Шаанын жеңилиши ыңгайлуу болгон.
Узун-Агачтагы «күнөөсү» үчүн Алымбек куугунтукталып, Алайга качкан. Ал адыгине менен мунгуштардан кошуун жыйнап Коконго жүрүш жасайын деп да ойлогон, бирок ага шарт болгон эмес. Ошондуктан, аркалык туугандарынан жардам издөө менен бир топ саясий иштерди жүргүзүү максатында 1861-жылы жазында Нарын чөлкөмүнө жөнөп кеткен. Алымбектин тоолук кыргыз туугандарынын арасында аброюнун өсүп бара жаткандыгынан кооптонгон Мала хан жарашуу үчүн аны ордого чакырган, бирок Алымбек барган эмес, ал турсун хан жиберген адамдарды өлтүртүп, алардын артынан келген кошуунду талкалап таштаган. 1861-жылы жайында Алымбек Үмөтаалы, Ажы, Төрөгелдиге жолугуп, аларда Коконго, белгилүү деңгээлде Орусияга да каршы пейил түзгөн. Түндүк кыргыздарын өз таасирине тарткан датка 1861-жылы күзүндө Фергана чөлкөмүнө кайтып кеткен.
1861-жылдын июль айында Ала-Тоо округунун башчысы Перемышльский Сибирь корпусунун командирине «Алымбек менен Мала хандын душмандык мамилеси жөнүндөгү маалыматтар ырасталып жаткандыгын» билгизген. Коконго же Орусияга ыктаарын билбей эки анжы болгон Алымбек тоолук кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча феодалдык ээлик же мамлекет түзүүгө аракеттенгендигин Батыш-Сибирь губернатору Дюгамелдин 1861-жылдын 8-июнунда согуш министрине жазган каты бышыктайт. «Алымбек кара кыргыздардын арасында калып, Ысык-Көл менен Кичи-Бухара аралыгында өз алдынча башкаруучу болуу оюнда бар окшойт, – деп жазат Дюгамель, – ошондуктан биз менен жакшы мамилеге өтүүнү көздөйт шекил…» Генерал Дюгамель Г.А. Колпаковскийге эгер Алымбек Орусия менен мамилеге кирсе, аны кубаттагыла деген көрсөтмө берген. Муну Орусиянын тышкы иштер министри А.М.Горчаков да, император Александр II да жактырган.
1862-жылдын башында Кокондо Мала ханга каршы козголоң уюштурулуп, бирок максатына жетпей калган болучу. Ошол эле жылдын февралында экинчи козголоңчулар (негизинен кыргыз бийлери: Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар жана башкалар) Мала ханды өлтүрүп, анын жээни – Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушкан. Алымбек баш увазирдик орунду ээлеген. Ташкент беги Канат Шаа, Рүстөмбек баш болгон экинчи топ такка Кудаярды кайрадан отургузууну көздөшкөн. Канат Шаа Бухарадагы Кудаяр менен байланыш түзүп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген. Шах Мурат кыргыз-кыпчак бийлеринин башчылыгында 14 миң кол менен Ташкентти камаган, бирок Букара эмиринин Кожентти басып алышына байланыштуу 53 күндөн кийин Ташкентти камоону токтотуп, Фергана өрөөнүнө кайтып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок, ал Кожентти коргоого кеткенде, Ташкенттен чыккан Кудаяр менен Канат Коконду ээлеп алышкан. Ичкилик кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмер, 1862-жылга чейин Маргалаң вилайетинин акими болуп турган молдо Алымкул Кудаяр тарапка өтүп кеткен. Анын аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган.
Ошол оомал-төкмөл кырдаалда, 1862-жылдын июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датканы Алымкул көкбелдик Чотон аттуу кыргыздын колу менен өлтүрткөндүгү тарыхый булактарда маалым. Феодалдык түркөйлүк өнөкөт жана кыргыз урууларынын биримсиздигинин залалы мына ушул мамиледен да таасын көрүнөт. Түштүк гана эмес, түндүк кыргыздарына да аброю чоң эки мамлекеттик ишмердин өз ара бийлик талашуусу анын биринин, Алымбектин өлүмүнө алып келгендиги кыргыз тарыхындагы өкүнүчтүү барактардын бири катары кала берет.
Алымкул лашкер башчы (Алымкул аталык)
Алымкул Асан бий уулу (1831–1865) – кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны, Кокон хандыгынын ири саясий ишмери жана таланттуу кол башчысы (миң башы, лашкер башы).
Өзбекстандын илимдер академиясынын Чыгыштаануу институтунун архивинде аскер башчы Алымкулдун өмүрүнө арналган кол жазмасы сакталып турат. 12136-номер менен сакталган бул кол жазманын автору Мулла Юнусжан мунши Алымкулдун бийлигинде маанилүү кызмат ээлеген адам болгон. Ал китепти бир топ жыл кийин, Алымкулдун өлүмүнөн 37 жыл кийин, хижра боюнча 1320-жылы (жаңы жыл эсеби менен 1902-жылы) жазып бүтүргөн. Автордун берген маалыматы боюнча чыгарма XIX кылымдын аяк ченинен 1916-жылкы көтөрүлүш мезгилине чейин Анжиянда болуштук башкаруучу болуп иштеген Алымкулдун уулу Шермухаммаддын суранычы менен жазылган.
Алымкулдун Кокон хандыгынын бийлик курамындагы саясий ишмердүүлүгү 1858-жылдан тартып Ташкендин алдында кайтыш болгонго чейин (1865), баш-аягы жети жылга жакын созулган. Кудаяр хандын аталаш агасы Анжиян акими Малабекке жөнөкөй нөөкөр катары келген Алымкул акылы, билими жана жаштыгына карабай саясатты терең аңдап билүү касиети менен урмат-сыйга ээ болгон. Алымкул аскер башчы (Амир лашкар Алымкул) көркөм чыгармаларда «Аталык» деп аталып жүрөт. Чынында Алымкулга расмий түрдө Аталык наамы берилген эмес. Ал 1863–65-жылдары Султан Сейит хандын мезгилинде Кокон хандыгында толук бийликке жетсе да Аскер башчы («Амир Лашкар») же «амирул умаро» (эмирлердин эмири) деген гана даража менен кала берген. Кокон хандыгынын борбордук бийлик системасында расмий «Аталык» деген мансап учурабайт. Ал жергиликтүү гана бийликтердин кай бири алып жүрчү даража болгон. «Аталык» даражасы Алымкулга анын 1863-жылдын 9-июль күнү жаңыдан хан көтөрүлгөн 12 жашар Султан Сейиттин мезгилинде «амирул умаро» аталып, жаш ханга 1863–65-жылдары регент катары эсептелгендигине байланыштуу колдонулуп жүрсө керек.
Алымкул ичкилик кыргыздарынын кыргыз-кыпчак уруусунан келип чыккан, атасы Хасанбай (Асанбай) Коргон-Төбө чөлкөмүнүн бийи, энеси Шаарбан (Шахр-бону) Кокон чөлкөмүндөгү кыргыздардын нойгут уруусу жайгашкан Бужум-Баткен айылынан болгон. Асанбай бийдин Алымкулдан башка кызы да бар эле. Алымкул эки жашка толгондо атасы каза болот. Тагасы Молдо Дос Акун аны 6–7 жашка келгенге чейин Бужум-Баткенде окутуп, сабаттуу кылат. Андан кийин Алымкул Коргон-Төбөгө көчүп кетет. Анан Анжиянда орношуп, Акмечит медресесинде 2 жыл билим алат. Алымкул Кокондо Махмуд Ажы дамбылда Аяз Махмуд уулунун колунда окууну улантат. Ал 18ге толгондо жездеси Тагайкул датка аскер ишине үйрөтөт.
Ал тез эле атасы бий болгон Коргон-Төбөгө бий болот. Адилеттүүлүгү жана адептүүлүгү менен бат эле атагы чыгат. Бир канча убактан кийин, бийлик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерге байланыштуу Анжиян акими болуп турган Кудаяр хандын агасы Малабекке нөөкөр болуп кызматка кирет. Жакшы кызматынын шарапаты менен бул жерде да мартабасы көтөрүлө баштайт. 1858-жылы Малабек хан Кокон тактысын ээлегенден тартып Алымкул мамлекет ишине аралашууга жетишкен. Ал мезгилде адыгине уруусунун бийи, белгилүү мамлекеттик ишмер Алымбек датка Кокон хандыгынын жогорку бийлик чөйрөсүндө активдүү аракеттенип жүргөндүгү маалым. Ошондуктан жаш Алымкул саясий аренага толук чыга алган эмес.
1862-жылы Мала хан козголоңчулардын колунан көз жумгандан кийин, бир аз убакыт тактыны жаш ШахМурад ээлеп, Алымбек датка бийликти жаш хандын регенти катары толук ээлеп алгандыгы белгилүү. Ушул мезгилге чейин Маргалаңдын акими болуп иштеп жүргөн жаш аскер башчы Алымкул кырдаалдан пайдаланып, бийликтен кулаган Кудаяр тарапка өтүп кеткен. Анын аракети менен Алымбек менен үзөңгүлөш Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган. 1862-жылы июль айында Алымбек датканын да өлтүрүлгөндүгү маалым. Бирок, Кудаяр хандын жаатында Алымкул узак болгон эмес. Ал тез эле кыргыз, кыпчак оппозициясын жетектеп, Кокон ханына каршы күрөшкө чыккан. 1862-жылдын сентябрь айына чейинки кагылыштарда Хал датка, Алибай датка, Жумабай, Мамбет, Мырзабек, Ташбек сыяктуу бийлер баштаган кыргыз, кыпчак уруулары Алымкулдун жетекчилиги астында Кудаяр хандын сарбаздары менен ийгиликтүү кармашкан. Алар Наманган, Маргалаң, Кожент шаарларын убактылуу каратып алышкан. Кокон ханы Кудаярга каршы күрөшүү үчүн түндүк кыргыз урууларына үндөө менен кайрылышкан. Чакырыктын таасири Чүйгө да жеткен. Кокондуктарды мурунтан эле жек көргөн Чүй кыргыздары, айрыкча, Байтик Канай уулунун тобу, сарыбагыштардын бир бөлүгү кокон горнизондоруна ачыктан-ачык каршы чыга баштаган.
Бул учурда Кокондо саясий окуялар кайрадан чиеленише баштаган. 1863-жылдын жазынан Кудаяр ханга каршы багытталган кыргыздардын, кыпчактардын күрөшү бир топ ийгиликтерге жеткен. Кудаярдын аскери талкаланып, ал турсун Маргалаңдын жанында Ак-Мечит сепилинин мурдагы коменданты Жакыпбектин аскер башчылыгында жиберилген атайын кошууну да тыптыйпыл болгон. Бул кошуунду Бухара эмири Музаффар Кудаяр ханга жардам иретинде жиберген болучу. 1863-жылы март айында Музаффар өзү 12 миң кол менен Коконго басып кирген. Жакшы куралданган бухаралыктар кыргыз, кыпчак кошуундарын чегиндирип, Ошко чейин жеткен. Жүрүш мезгилинде Музаффар тоолук кыргыздардын согуштук күчүн байкап, аларды Кокон бийлигин колдоого тартуу үчүн, ошол мезгилде Алымбек даткадан кийин Алай чөлкөмүн ийгиликтүү башкарып турган Курманжанга жолугууну чечкен. Бул окуя Курманжандын Бухари Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы (шарыятка ылайыкталган бүтүм, чечим) жана Музаффардын өзүнүн буйрукнаамасы менен расмий түрдө «датка» наамын алышы менен аяктагандыгы маалым.
1863-жылкы бул олку-солкулуктан пайдаланып, Алымкул жетектеген кыргыз-кыпчактар июнь айында Коконду камоого алган. Шахрисябзда башталган көтөрүлүшкө байланыштуу Музаффардын Кокондон чыгып кетишине байланыштуу Кудаяр хан колдоосуз калат да, Алымкул ордону ээлеген. Кудаяр хан экинчи жолу Бухарага качкан. Бийлик кыргыз-кыпчактарга тийип, иллатиййанын айрым бир бийлери, атүгүл Маргалаңдын таасирдүү адамдары Алымкулду хан болуусун сунуштаган. Бирок, чыгыш салтын, Кокон хандыгынын салтын сактаган Алымкул андан баш тартып, 1863-жылы 9-июль күнү Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргыз-кыпчактардын жамаатындагы эң таасирдүү мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы, кыргыздын чыгаан уулу, ошол кезде 34 жашка жаңы толгон Алымкул иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алган. Өкмөт иши – акча каржылоодон тартып, мансапка коюу, финансы, башкаруу – бардыгы Алымкулдун колунда болгон.
Кокон хандыгында Алымкул тынч бийлик кыла алган эмес. Орусиянын колониялык армиясы XIX кылымдын 60-жылдарынын башынан Жети-Суу чөлкөмүндөгү Кокон сепилдерин биринен сала бирин каратып келе жаткан болучу. Ошентип Алымкулдун тагдырына падышалык Орусиянын басып алуусуна каршы күрөшүү туура келген. Алымкул биринчи күндөн баштап эле орус чек араларындагы чептерди калыбына келтирүү жана бекемдөө ишин баштаган. Кокондун жаңы өкмөтү чечкиндүүлүк менен орус чек араларындагы чептерди калыбына келтирүү жана бекемдөө ишин баштаган. Натыйжада, Сузак, Чолок-Коргон сепилдери кайрадан кокондуктардын колуна өткөн. Ташкент, Сузак, Түркстан, Чолок-Коргон чептери чыңдалган. Бирок ордодогу токтобогон ички таймашуулар, Бухара менен араздашуу, Кокон хандыгынын согуштук күчүн бир топ начарлаткан болучу. Ошондуктан, Алымкул аталык басып келе жаткан орус колонизаторлоруна каршы активдүү жүрүш уюштура алган эмес. Анын үстүнө Кокон хандыгынын орто кылымдык куралдар менен куралданган сарбаздары европанын согуш ыкмасын колдонгон баскынчыларын аскерий жактан салыштырууга мүмкүн эмес эле.
Натыйжада Алымкулдун аракеттерине, чүйлүк кыргыздардын Жангарач, Маймыл, Тынаалы сыяктуу манаптарынын кокон амирлигине али деле баш ийип турушканына карабастан Орусиянын кысымы күчөй берген. 1864жылы Олуя-Ата, Түркстан алынган. Генерал Черняев баш болгон орус аскерлери жүрүштү Ташкенге чейин улантууга чечим чыгарышкан. Ошентип, Арал деңизинен Ысык-Көл ойдуңуна чейин чептердин тизмегин түзүү менен Сибирь, Оренбург тилкелеринин кошулушун иш жүзүнө ашыруу максаты күн тартибине коюлган. Демилгени колдон чыгарбоону максат кылган генерал М. Г. Черняев «ЖаңыКокон тилкесин» биротоло бириктирүү максаты менен Чымкент шаарын 1964-жылдын 22-сентябрда караткандан кийин, Ташкентти алууга да аракеттенип көргөн. Бирок ою ордунан чыкпай, Алымкул аталыктын аскеринен катуу каршылык көргөн М.Г. Черняев 24-октябрда Чымкентке кайтууга аргасыз болгон.
Орусия колонизациясына каршы күрөштөрдө Алымкул таланттуу аскер башчы катары белгилүү боло алган.
Анын активдүү аракеттери менен кай бир согуштук операциялар ийгиликке да жетишкендиги тарыхта маалым. (Мисалы, 1864-жылдын 4-6-декабрларында болуп өткөн Ыкан салгылашуусунда кокон аскери жеңип чыккан). Алымкул хандыктагы башкаруу иштерин тартипке келтирүү, аскерди куралдандыруу жана тарбиялоо жумуштарына катуу киришкен. Тилекке каршы, кыска мезгилде тыттай төгүлгөн мамлекетти, анын аскерин бүтөп болбойт эле. Алымкул бул үчүн өзүнүн мүлкүн да аябай аскерге бөлүп берген, алардын духун көтөргөн.
Орусиянын борбордук бийликтери Ташкент шаарын каратуу али эрте экендигин баса көрсөтүү менен бул чөлкөмдү азырынча өз алдынча Коконго да, Орусияга да карабаган буфердик ээликке (Ташкен бектиги) айландыруу керек деген чечимине карабастан М. Г. Черняев Ташкентти тезинен ээлөө жөнүндөгү оюнан кайткан эмес. 1865-жылдын жазында Кокон хандыгы менен Бухара эмиратынын ортосундагы кезектеги жаңжалдын башталышын ыңгайлуу учур деп санаган генерал 29-апрелде Ташкентке жакын турган Ниязбек чебин басып алып, шаарды суудан жана эгинден бөлүп салган.
Ташкентти коргогон Алымкул аталыктын негизги күчтөрү менен орус аскеринин ортосунда 9-май күнү катуу салгылашуу болгон. Кандуу кармашта Алымкул аталыктын оор жарадар болушу жана өлүмү кокон күчтөрүнүн чегинүүсүнө алып келген. Баш аламан түшкөн шаарга 14–15-июнь күндөрү штурм жасалып, 17-июнь күнү Ташкент каратылган.
Алымкул аталыктын Ташкенттин алдында жарадар болушу жана өлүмү изилдөөлөрдө ар кандай берилет. Чыгармалардын басымдуу көпчүлүгүндө Алымкул кармашта «оор жарадар болду» же «окко учту» делет. Ал эми Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Кокон ордосундагы бийлик талашуулардын натыйжасында Алымкулга каршы турган топтун тыңчысы (удайчы) уурданып келип Аталыкты артынан атып таштагандыгы жазылган. Жазуучунун пикирин булактар да ырастайт. Мисалы, чыгыш таануучу Н. Веселовский Түркстандан жыйнаган казак тилиндеги «Орустардын келиши» аттуу дастанда Алымкул «өз жоокерлеринин колунан өлүп, көмүлдү» деген ыр саптары бар.
Ташкент шаарынын тургуну Мухаммед Салих Кори Ташкендинин айтымында кармаш кызуу жүрүп жаткан мезгилде Алымкул Абдылдабекке (кайсыл Абдылдабек экендиги белгисиз) кокон топчисинин (артиллериясынын) биринчи батареясына барууну буйрук кылып, өзү да ошол жакка ат үстүндө чаап бара жатканда ичине ок жаңылган. Алымкул аталык оор жарадар болгонуна карабастан орус солдаттары штурмга чыкканга дейре жоокерлердин арасында болуп, Дурманча дөңсөөсүнөн кармашты башкарып турган. Алымкул качан гана эстен тана баштаганда, аны замбилге салып Ташкентке алып келишкен, бирок Аталык ошол күнү шейит болгон. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, таланттуу кол башчы жана кыргыз элинин ичкилик кыпчак уруусунан чыккан белгилүү тарыхый инсан Алымкул аталык 1865-жылы 10-май күнү Ташкенттеги Шейхантаур мүрзөсүнө коюлган. Кыргыз элинин чыгаан уулу Алымкулдун, негизинен ферганалык кыргыз, кыпчак, өзбек жана тажиктерден куралган көп улуттуу кошуундун башында туруп, жамы Түркстандын азаттыгы үчүн жан аябаган күрөшү Кокон хандыгынын бүткүл ферганалыктар үчүн мекен катары туюлгандыгынын, Орусия сыяктуу каардуу колонизатордун алдында Түркстандын бардык тургундарынын тарыхый тагдыры бир таразага коюлгандыгынын дагы бир жолку күбөсү болгон.
Абдрахман аптабачы
Абдрахман аптабачы – элет кыргыз-кыпчак урууларынын белгилүү инсаны, мамлекеттик ишмер жана кол башчы. Мусулманкул миң башынын уулу. 1845-жылы 14 жашар Кудаяр биринчи жолу ошол кездеги элеттик кыргыз, кыпчактардын белгилүү бийи Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулманкул миң башы хан тукуму менен туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга турмушка берген. Ошол кездеги жаш Абдрахман, Кудаярдын бир тууган кайын иниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен көңүлдөш болуп өскөн. Атасы 1852-жылы Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлг өндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» кызматтан (хан колуна суу куюучу бала) ордодогу негизги бийлик – миң башылыкка чейин жеткен инсан.
Абдрахман аптабачынын саясий ишмердиги айрыкча 1870–76-жылдарда көрүнгөн. 1870-жылдардын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер кокон хандарынын Кожент шаарында жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүш чүлөргө каршы Кудаяр хан 7 паңсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аеосуз баскан. Кыргыздар тоолорго качып кетишкен, бирок, ошол мезгилде Орусиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын сунушу боюнча Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан.
Абдрахман аптабачынын көчмөн кыргыз, кыпчак урууларына, отурукташкан калкта кадыры чоң эле. 30 жашка жаңы эле чыккан бул «орто бойлуу, акылдуу, келишимдүү, кең пейилдүү мүнөзү бар бул адамдын» хандыкта, өзгөчө кыргыз жана кыпчактарда өтө чоң аброю болгондугун орус изилдөөлөрү белгилешет. Ал зордукзомбулук, алдым-жуттумга аралашкан эмес. Өзүн сак кармап, ажылык такыбалыгын так аткарган киши болгон.
1873–76-жылдардагы элдик кыймылдын алдында Абдырахман аптабачы Меккеге ажылыкка барып, мекенине кайткан кезде Стамбулда түрк султаны Абдул-Азизден Орусиядан Кокон шаарларын кайтарып алууга жардам берүүсүн суранган. 1873–74-жылдары ал Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин жана башка кыргыз бийлеринин көтөрүлүшчүлөрүнө каршы турган. Бирок, 1875-жылдын августунан баштап, ал Орусия баскынчылыгына каршы күрөшкө чыгып, Кокон хандыгын сактап калуу үчүн Искак Асан уулу Полот хандын элдик-боштондук кыймылына активдүү катышкан.
1876-жылдын январь айынын акырында Орусия баскынчылыгын токтотуп калууга көзү жетпеген Абдрахман аптабачы белгилүү колонизатор М. Д. Скобелевге Анжыяндан 8 чакырым түштүктө турган Инду-Кыштакта багынып берген. Абдрахман аптабачы менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилери: Батыр төрө, Исфандияр, Арзыкул бек, Нурмухаммед датка, Калыгул парваначы, Казымбай эшик агасы баш болгон 26 аттуу-баштуу бийлер жана бектер, 400 жигит болгон. Кармалган күндөн көп узабай Аптабачы Ички иштер министринин чечими менен Екатеринбург шаарына жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. Шаардан сатып алган үйүндө Абдрахман жаш аялы Зулайка, бөбөк кызы Галдибана менен эки жакка көп чыкпай, бакчада эмгектенип жашап турган. 1881-жылы 1-январдагы буйрук менен Орус падышачылыгы Абдрахман аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-жылы 25-февралда Абдрахман Меккеге дагы бир жолу барып келүүгө уруксат берип коюусун суранып, борбордук бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүргөн эмес. Түркстандын калкынын абройлуу инсаны, татаал мүнөздүү мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы, кадимки Мусулманкулдун уулу Абдрахман аптабачы мекенин сагынган кайгы менен өзүнүн аянычтуу тагдырынын запкысына чыдай албай 1881-жылы 25-майда көз жумган.
Курманжан датка
Түштүк кыргызга, Фергана чөлкөмүнө, жалпы Орто Азияга, ал турсун Петербургга да белгилүү, өткөн кылымдагы тарыхый инсан, кыргыз элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери, «Алай канышасы» деген атак алган Курманжан 1811-жылдын кулжа айында Ош шаарынан анчалык алыс эмес жердеги Ороке кыштагында Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан чыккан Маматбай аттуу орто дыйкан, колунда бардар адамдын үй-бүлөсүндө жарыкка келген.
Курманжан жаш кезинен эле элдик үрп-адатты, каадасалтты кадырлаган, келим-кетимдүү үй-бүлөдө тарбиялангандыктан өз оюн тайманбай бетке айткан, акылы, эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болуп өсөт. Анын мындай өсүшүнө атасы Маматбайдын да таасири зор болгон. Маматбай – накыл билги, орду менен сүйлөгөн, бирөөнүн акысын жебеген, кара өзгөйлүгү жок, мал жандуу, ата-тегинен динди, руханий түпкүлүктү бекем кармаган сабаттуу адам болгон.
Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү Жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит аттуу уулуна кызын турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп бир жылдан кийин Үч-Таш жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, 3 жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи катары жана Кокон бийликтерине кызмат кылып «датка» деген наам алган, эл жерге кадыры, билгилиги маалым Алымбек датка кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон.
Курманжан Датка Маматбай кызынын тарыхый ролу жана коомдогу орду өтө олуттуу болгон. Анын 96 жаш өмүрүнүн 76 жылы өз эли-журтуна арналган жана ал өмүр жолду үч чоң доорго бөлсө болот.
1832-жылы Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Алымбек менен Курманжан 29 жыл эриш-аркак ыстыкоомат кылышты. Көп жылдар бою өмүрлүк жолдошу Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы катары көрүнүп, атүгүл насаатчысы болууга да жетише алган. Анын 1832–62-жылдардагы өмүрүн коомдук ишмердик доору катары санаса болот. Бул мезгилде Алай чөлкөмүн жана анын тургундарын башкарып, эли-журту үчүн чоң-чоң коомдук иштерди жасаган.
Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы гана эмес, коңшу Бухара эмиратына, атүгүл алыскы Орусия серепчилерине да дайын болгон.
Курманжан датканын саясий ишмердиги деп аталган экинчи олуттуу доор 1862–76-жылдарды камтыйт. 1862жылы Алымбек датканын бөөдө өлүмү Курманжан айымды муңкураткан эмес. Эл кызы эсептелген айым белин бекем бууп, жетим калган уул-кыздарын тумшуктууга чокутпай аман-эсен асырап, ээсиз калган элин да уюштурууга чамасы келген. 1862-жылы эле Кудаярды экинчи жолу такка олтургузуу мезгилинде Кудаярга жардам берген Бухара эмири Сейит Музаффар эддин Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай жана башка балдары, тургундары болушуп, Оштон кастарлап тосуп алышкан.
Бул келүүнүн негизги максаты Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө болуп, ал 1862-жылы өлгөн Алымбектин ордун басчу адамга датка деген наамды ыйгаруу менен ишке ашмак. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кездеги Ош вилаятынын акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, ал бул даражаны алып жүрүүдөн караманча баш тартат. Мындан биз Жаркынбайдын Курманжандын аброюн жана сөөлөтүн сыйлагандыгын, атасынын жесири тирүү кезинде датка наамын алууга уят, намыс деп түшүнгөндүгүн байкайбыз. Жаркынбайдын бул чечимин Алымбектин туугандары Осмон, Өмүрбек, Акимбай жана башка бийлер туура көрүшөт. Бийлик үчүн кырылышкан ордо адамдарынан айырмаланган түпкүрүнөн кашкөй тоолук бийлеринин бул жоругу Музаффарды ого бетер таң калтырат.
Ошентип, Кокон бийлигине таяныч түзүү жана кыргыздардын каныкесин өз жаатына тартуу максатында Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга «датка» деген наамды ыйгарууга аргасыз болушкан. Ислам дининин Орто Азиядагы түркүгү болуп саналган Бухара Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы (шарыятка ылайыкталган бүтүм, чечим) жана Музаффардын өзүнүн буйрукнаамасы боюнча Курманжан эми датка аталат. Датка деген наам Бухаралык чин болгон. Фарсча «дохкох» деген сөз «адилеттүүлүк» деген маанини берип, датка наамын алган адам эң оболу тигил же бул вилаяттын диний көсөмү болуп саналчу. Ал элден чыккан араздашууларды шарият жолу менен чечип, арыздарды жана даттанууларды караган. Бир эле учурда хандын вилаяттагы өкүмдар өкүлү, акими, аскер башчысы катары да таанылган. Кокон хандыгынын тартиби боюнча датка наамы мамлекетте он гана кишиге берилип, жылына миң теңге ыйгарылып турган. «Датка» деген наам орус армиясынын «генерал» деген чинине туура келгендиги булактарда маалым. Орто Азия жана түрк элдеринде аялдан датка даражасын алып жүрүү дегеле тарыхта болгон эмес. Курманжанга аял да болсо мындай наамга ээ болуу, анын тарыхтагы ордунун өтө жогору экендигин дагы бир жолу ырастап турат.
Ушул окуядан кийин Курманжан «датка» аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Маанилүү саясий, эл аралык маселелерди чечүүгө аралашкан.
Курманжан датка наамын алгандан кийинки мезгилдеринде Ош вилаятын башкарып гана эмес, Кокон хандыгынын саясий иштерине да кийлигишип турган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип Коконго келгендиги маалым. Мурунтан сый көрсөтүп, эне катары санаган Кудаяр хандын апасы Жаркынайым менен Курманжан те Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинде эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. Ошентип Курманжандын даңкы Ферганага гана эмес Орто Азияга тарап, аброю өсүп, өткөн кылымдын 60–70-жылдарында Фергана чөлкөмүндө Курманжандан өткөн таасирдүү адам болгон эмес.
ХIХ кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын реакциялуу саясатына нааразылык билдирген жана антифеодалдык элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Тун уулу Абдылдабектин Кудаяр ханга каршы кыймылына бата берген. Курманжан датка 1873–76-жылдардагы элдик кыймылда алгач адилетсиз хан бийлигине каршы күрөшүп, көтөрүлүштүн айтылуу жетекчилери: Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун, Оморбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Тун уулу Абдылдабек кыймылдын жалпы жетекчиси Искак молдо Асан уулу Полот хандын жакын жан-жөкөрү болуп, Орусия баскынчылыгына акыркы күндөргө чейин жан аябай күрөшкөн. Азаттыкты улуу идея катары санаган Курманжан эне 1876-жылы 29-июль күнү орус жазалоо отрядына колго түшкөн. Абдылдабек баштаган үч уулунун Ооган жерине ооп кетиши, баш көтөргөн атуулдардын орус баскынчылыгынан өлүмгө учурашы жана Орусия куралынын күчтүүлүгү эрктүү энебиздин тагдырга баш ийип, эми элин бөөдө кыргындан сактап калышы үчүн падыша бийлигине баш ийишине мажбурлады.
Датка айымдын үчүнчү – саясий жана коомдук ишмердүүлүк деп аталуучу доору 1876-жылдан ХХ кылымдын башына чейин созулган. Орус колониялык бийликтери менен айлакер дипломатия жүргүзүүнүн натыйжасында түштүк кыргыздарынын басымдуу бөлүгүн туура жолго үндөп жүрүп олтурган.
Натыйжада Курманжан Алайдын канышасы деп таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, ал турсун Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман менен тыгыз алака кылып турган. 1876-жылдын күзүндө Кабулдан Курманжандын Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичи-Алайды, Ноокатты башкарып калышкан. Ошентип, кан төгүшүү токтоп, датканын көсөмдүгү менен тынчтык орногон.
Курманжан датка айым орус төбөлдөрүнө да коомдук жана мамлекеттик ишмер, билги катары белгилүү болгон. Бекеринен аны Кауфман баш болгон орус генералдары «Алай канышасы» деп атаган эмес. Курманжан датка өз мезгилинде Фергана облусунун акимдери Скобелев, Абрамов, Арандаренко, Ионов, Кауфман, Черняев, Вревский, Иванов, Духовский ал турсун Россиянын келечектеги согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен дос, тааныш болгондугу маалым. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңы-Маргалан (Скобелев) шаарларына келип сүйлөшүп турган. Курманжандын билгилиги жана кадыры, Фергана чөлкөмүнүн тоолуктарын орус колонизаторлоруна каршы көтөрүлүштөрдөн, бекерге кырылып кетүүдөн сактап, элдин тынчтыгына жана башка элдердин өз ара ынтымагына оң таасирин тийгизип турган.
Ал эми согуш министри генерал Куропаткиндин катында 1901-жылдын 1-декабрында император Николай II өз кабинетинен асыл таштуу шакекти Курманжанга атайы белек катары берип жибергендиги жөнүндө маалымдайт. Бул маалыматтар Курманжан энебиздин Петербургга чейин даңкы жеткен улуу тарыхый инсан катары белгилүү экендигин дагы бир жолу ырастайт.
Курманжандын дагы бир мүнөздүү белгиси анын ыйыктыгы. Жогоруда айтылгандай Курманжан жаш кезинен эле такыба үй-бүлөдө тарбия көрүп, кийин чоң медресенин ээси болгон Алымбектин жубайы болгондугуна байланыштуу, кезегинде элдин айтымында Оштук эшендерге кол берген адам. Белгилүү Хувайда эшендин урпактарынын бири Салахиддин эшендин мезгилинде, алар менен эң жакшы мамиледе болуп тургандыгы маалым. Ош чөлкөмүнүн билгиси, Анжияндын беги, Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери Алымбек датканын жогоруда айтылган медресенин болушу, ал медресеге чегерилген 1825 гектар чамасындагы вакф жери (ЧынАбад жана башка жерлер), аталган вакфта алгач Алымбек өзү андан кийин анын урпактары Жаркынбай мырза, Абдылдабек, Батырбек, Асанбектердин мутавалий болуп турушу, Алымбек гана эмес анын балдары 1865-жылдан баштап Оштун акими болуп турган Абдылдабектин Оштогу Шайтан-Төбө, Сарай көчө кварталдарындагы вакфтык участкалары кийин Асанбектин мезгилинде да бир топ вакфтык участкалардын болушу Курманжандын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү диний мекемелер жана «ыйык» адамдар менен байланышта экендигин маалымдайт. 1895жылы кичүү уулу Камчыбек Оштун чоң базарындагы даргага асылган күнү Курманжан Салахиддин эшендин үйүндө намаз окуп олтургандыгы жөнүндөгү маалыматты азыркы кезде атактуу эшендин тирүү урпактары билишет.
Курманжандын инсандык турпатынын дагы бир орчундуу белгиси – анын терең интернационалдуулугу жана жалпы эли-журтка багытталган даанышмандыгы. Архивдерде сакталган анын орус генералдарына жазган каттарында жана башка тарыхый маалыматтарда датка өзүнүн пикирин, демилгесин, накылын, жалаң гана өз элине эмес жаңы журтка, жалпы элге багыштайт. Кудаяр хандын зомбулугуна, орус колонизаторлоруна, каршы болсун, көтөрүлүштөрдө түштүк Кыргызстандын Орус мамлекетине кошулгандан (1876-жыл) кийин анын ишмердүүлүгүндө Курманжан жалпы элге тең интернационалдуу инсан экендиги көрүнгөн. Анын образынын улуттук белгилерден озуп чыккан кең образ экендигин тарыхый маалыматтар ырастап турат.
Курманжан датка орус бийлик өкүлдөрү менен кат жазышып, кеңири алакалашып тургандыгы маалым. Кезегинде Мамытбек ошол каттардын бир боосун сактап жүргөндүгү айтылат. Ал каттардын көбү алгач Ош уездинин начальниги болуп, кийин Фергана облусунун согуштук губернатору генерал Ионовдон эле төмөндө 1885-жылы 7-октябрда Курманжандын өз колу менен жазылып, мөөрү басылган каттарынын биринин тексти берилет.
«Улуу урматтуу жана чексиз кадырлуу Фергана облусунун облустук губернаторуна Ош оезунун кызматчысы Курманжан даткадан кат.
Терең, ардактуу Сизден кечирим суроо менен мен төмөнкүлөрдү билдиремин. Фергана мусулман өлкөсү Орусияга моюн сунбай турган мезгилде мен сиздер менен согушканмын жана каршылашканмын! Кийин Абдылдабек бир туугандары Мамытбек жана Асанбектер менен Ош аркылуу Кабулга качты. Куруган мен, кичинекей Камчыбек менен Алайда калдым. Ошол мезгилде Оштун начендиги Ионов төрө генерал менен Алайга келди жана мени генерал менен тааныштырды. Генерал Скобелев мени жылуу кабыл алды жана мага урмат менен мамиле кылды. Мен ага ыраазы болуп калдым.
Россия өзүнүн улуулугу жагынан Рим менен тең тайлашат. Мүмкүн, азыркы учурда дагы да кеңейүүдөдүр.
Азыр уулдарым кайрадан мага келишкен. Алар көп азаптарды тартышып, жеңиштен үмүттөрүн үзүшкөндө мен бирөөдөн мында келүүсүн буюруп кат жибергенден кийин гана алар бул жакка кайтышты. Кудайдын буйругу менен Абдылдабек ал жакта набыт болду. Мамытбек менен Асанбек эсен-соо келишти.
Андан кийин мен Түркстан генерал-губернатору Кауфман менен ал Ошко келгенде жолуктум. Ал дагы мага урмат менен кайрылып: «Эгер Сиз мени уксаңыз – анда Сизге эң жакшы болот жана Сиз ак падышанын кабыл алуусундай эле пайда көрөсүз», – деп айтты. Маркум генерал-губернатор (К.П. фон-Кауфман 1881-жылы өлгөн) падышанын буйругу менен мага ар айына 25 сомдон пенсия төлөп турган. Мен ага жекече ыраазычылыгымды билдире албай турганыма азыр өкүнөмүн!
Кудайдын ракымы менен азыр үч уулум бар. Биз эч убакта мындай мамлекетти көргөн эмеспиз. Байыркы замандардан бери өлкө өзүнүн жетимдерине мындай боорукердик кылган эмес! Бул мамлекеттен бардык эл менен бирдикте биз өз туугандарыбыздай көрүп чогуу жашай беребиз! Эгер биз кокустан мамлекеттин аброюн таназар албастан: ага чыккынчылык ойлосок, анда бизге өмүр бою кечиргис күнөө жабылат! Мен, эгер бул мамлекетке кимде ким мындан ары бүт жүрөгү, чын пейли жана терең урматы менен мамиле кылса, анда кудай өзү мурунку кезде мамлекетке каршы жасалган бардык аракеттерибизди кечирет деп ойлоймун!
Азыркы тынчтык мезгилде мындан ары менин бүткүл эл-журтум, мен өзүм жана уулдарым, туугандарым эч качан силерге каршы көтөрүлбөйбүз деп мен Жарыя кыламын! Биз тараптан эч кандай жарамсыз иштер жасалбайт! Эгер менин элим кандайдыр бир жамандык издеп, мамлекетке чыккынчылык кылса, анда күнөөлүүнү эң оор жаза менен жазалаймын жана өмүрүмдүн акыркы күндөрүнө чейин өзүмдү кыйнап өтөмүн!
Ушул сөздөрүмдү бекитүү үчүн мөөрүмдү басамын! Маматбай кызы Курманжан датка».
Кай бир учурларда орус бийликтеринин ашыкча зөөкүрлүгүнө каршы кат жаза да алган. Ошол эле учурда элин азырынча эзүүгө чыдап турууга үндөгөн. 1895-жылы сүйүктүү уулу Камчыбек даргага асылган мезгилде элди баштап күрөшкө чыгууга дарамети жетет эле. Бирок, тишине чейин куралданган орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Ошол эле учурда Орусия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн таптакыр үмүтүн үзгөн жана ХХ кылымдын башында саясатка аралашпай калган.
Кыргыз элине гана эмес, көп улуттуу Фергана тургундарынын тынч жашоосун камсыз кылуу башкы милдетим деп санаган тарыхый инсан Курманжан датка 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу айтылуу Сар-Мазарга, сүйүктүү уулу Камчыбектин күмбөзүнүн жанына коюлган. Он миңдеген туугандары жана оштуктар атактуу Датка-айым менен буркурап ыйлап коштошушкан. Орус колониалдык бийликтери бул окуяны бүткүл Түркстандык окуя катары кабыл алышып, 1907-жылы 16-февралда «Түркестанские ведомости» гезитинин № 2834 санына көлөмдүү атайын «Царица Алая» деген некролог жарыялашкан.
Курманжан датканын артында көп сандаган уулдары, кыздары, неберелери жана чөбөрөлөрү калган. Анын 183 урпактарынан 1907-жылы 2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чебереси урматтуу Энесин акыркы сапарга узатышкан. Курманжан датканын урпактары учурда Алайда, КараСуу, Өзгөн райондорунда, Ошто, Бишкекте турушат. Совет мезгилинин алгачкы жылдарында неберелери Кадырбек менен Жамшитбек алгачкы кызыл армиянын көрүнүктүү колбашчылары болуп, совет бийлигин чыңдоого активдүү катышкан. Кадырбек Камчыбеков кыргыздардан биринчи болуп Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Ошол эле учурда Курманжандын бир нече неберелери кийин НКВДнын түрмөсүндө курман болушкан. Бирок алар 1953-жылы реабилитацияланган.
Курманжандын чебереси Муса Мырзаяпаясович Адышев Кыргызстандын ири геолог-окумуштуусу катары белгилүү. 1978-жылы ал Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Президенти болуп шайланган. Учурда академиянын геология институту анын ысмын алып жүрөт.
Курманжандын тарых-таржымалы, өмүр-жолу жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү анын кеменгерлигин, улуу тарыхый инсан экендигин тастыктап турат.
Шер датка
Кыргыздын багыш уруусунун кутлук-сейит тобунун белгилүү бийи. Фергана кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны. 1870-жылдардын башында эсирип кеткен Кокон ханы Кудаярды адилеттүү хан менен алмаштырууну көздөгөн кыргыз бийлерине демилгечи болгон. Мураскор издеп Самаркандагы, Хорезмдеги хан урпактарына барган. Алар хандык бийликке макулдугун бербеген соң 1872-жылдын кеч күзүндө Ташкенттин жанындагы курамалык Абдымомун Шамурзак уулунун үйүнөн таанышкан Искак Асан уулун «Полот хан» деген ат менен Кудаяр ханга каршы күрөштү жетектөөгө үндөгөн. 1873-жылы жазында Шер датка Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы жана Абдымомундардын жардамы менен Искакты Аксынын Сафид-Булан деген жеринде Кокон ханы деп жарыялоого жетишкен.
Ошол жылы Аксыда, Эки Суу арасында, Алайда жана Фергана өрөөнүнүн түштүк-батышында Кокон ханы Кудаярга каршы кыргыз элетинин жалпы көтөрүлүшү башталып кеткендиктен Кудаяр кыргыздардын 40 бийин сүйлөшүүгө ордого чакырган. Бул депутациянын ичинде ордого барган Шер датка башка бийлер менен кошо өлүмгө учураган.
Мамыр Мерген уулу
Мамыр Мерген уулу – Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Эки-Суу арасы деп аталчу өрөөндүн Үч-Коргон, Избаскан чөлкөмдөрүндө жашаган сол канат кыргыздарынын мундуз уруусунун жөнөкөй үй-бүлөсүнөн чыккан инсан. Мамырдын социалдык теги тарыхый булактарда айтылбайт. 1873-жылы жаз айларында 35 жаштагы бул адам Кудаяр ханга каршы кыргыздардын Эки-Суу арасын, Көк-Арт өрөөнүн, Сузактан Өзгөнгө чейинки чөлкөмдөрдү туруктаган мундуз, багыш, басыз, карабагыш жана кушчу урууларын көтөргөн. Көтөрүлүшчүлөр зекетчилерди өлтүрүп, жыйналган салыктарды тартып алышкан. ЖалалАбад, Ханабад кыштактарын ээлешкен. Кыймыл тез эле Эки-Суу арасын толук каптаган.
Мамыр жетектеген көтөрүлүш бир топ кубаттуу болгондуктан аны басууга Кудаяр хан өзү аттанган. Ал Анжыян шаарына келип, көтөрүлүшчүлөрдү талкалоого күчтүү жазалоочу отряд жиберген. Июлда Мамырдын отряды Өзгөн шаарын алуу менен жаңы кыймыл баштаган. Аны талкалоого түрктөрдөн куралган кошуундун башында Шахрихандын беги Иса Олуя менен Халназар түрк жиберилген. Алар кыймылды аеосуз басып, Өзгөндү бошотушкан. Мамырдын колу талкаланып, көтөрүлүшчүлөр тоо таяна качып, анын ичинен 1700 түтүндөй мундуз, карабагыш, кыпчак жана башка уруулар бийлери менен кошо ТогузТоро, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнө кирип кетишкен. Мамыр баштаган жүздөй жигит 1873-жылдын 1874-жылга караган кышында кийинки жылкы күрөшкө даярдануу үчүн Алай тараптагы адыгинелерге өтүп, андан ары Кашкарга барып, кыргыздарды Кудаярга каршы үндөгөн.
Кыш мезгилинде Кара-Кулжадагы жана Алайдагы кыргыздарды көтөрүлүшкө чакырып, Мамыр Мерген уулу ишеничтүү жигиттери менен эрте жазда Тогуз-Торого да барган. Ал Кокон хандыгына каршы күрөшүүгө аркалык туугандарын тартууга аракеттенген. Орус бийликтеринен колдоо издеп, аларга букара болууга макулдугун билгизип, кат жазып да көргөн. Бирок, анын 1868-жылкы орус-кокон келишими жөнүндө кабары жок эле. Албетте, орус бийликтеринен жооп келген жок. Үмүтүн үзгөн Мамыр Фергана чөлкөмүнө кайткан.
1874-жылдын май айында Кара-Кулжа чөлкөмүнүн кыргыздары Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астында жаңы күч менен күрөшкө чыгышкан. 5-6 миң кишиден турган көтөрүлүшчүлөр Анжыяндан алыс эмес КоргонБардан сепилин алып, Анжыянга чабуул коюшкан. Бирок, 2 миң сарбаздан турган жазалоочу отряд көтөрүлүштү басып, бир нече жүз туткундарды жана көп сандаган аттарды, түрдүү олжону колго түшүрүшкөн. Мамыр Мерген уулу Капка өрөөнүнө (Нарын чөлкөмү) качып кеткен, бирок Кокон ханынын өтүнүчүнө байланыштуу Токмок уездинин башчысынын буйругу менен 1874-жылы 15-июлда кармалып, «көтөрүлүштүн чордонунан алыстатуу жана орус ээликтериндеги кыргыздарды кокон тополоңуна тартууга мүмкүнчүлүгүн жоготуу» максаты менен Лепси уездине (Казакстан) камакка салынган. 1877-жылы гана энесинин суранычына байланыштуу Мамыр Мерген уулу Анжыян уездине тымызын көзөмөлдөнүп туруу укугу менен кайтып келген.
Мамыр Мерген уулу кийинчерээк орус бийликтерине да каршы күрөшүүгө аракеттенген. Мисалы 1878-жылдын жазынан баштап Кудаяр хандын алысыраак тууганы болгон Жетим хан менен бирге Ош, Андижан, Кокон уезддеринин элетин кыдырып, орус бийлигине каршы көтөрүлүүгө элди үндөгөн. Падыша аскерлери тарабынан Жетим хандын тобу 1878-жылдын жай мезгилинде талкаланып, өзү июнда колго түшүп өлтүрүлгөн мезгилде, Ош уездинин Кашка-Терек, Сары-Булак деген жерлеринде 20 кишиден турган топтун башында Мамыр Мерген уулу падыша аскерлерине каршы баатырларча кармашып, качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок, 8-сентябрда Базар-Курган кыштагында Мамыр Мергенов жана анын Болот Токтомушев жана Наркул Алдосов деген эки жолдошу менен орус бийликтери тарабынан кармалган. 1879-жылдын 18-январындагы Түркстан генерал-губернаторунун буйругу менен Андижан шаарында дарга асылып өлтүрүлгөн. Мургабдык карыя М. Мамытовдун оозунан жазылып алынган «Абдылдабектин арманы» аттуу дастанда: «…
Кутчу менен Мундуздан, элети көчмөн кыргыздан. Кара-үңкүр менен Кабаадан, Арыстанбап менен Чарбактан, Массы менен Шайдандан, Жалгыз буудан четиден, Анжияндын бетиден, Абдылдабек козголуп… Баатыр Мамыр баш болуп, айтса көңүл каш болуп…» деген саптар 1874жылы эле Мамыр Мерген уулунун кыймылына белгилүү Алымбек датка менен Курманжан датканын тун уулу Абдылдабек да аралашкандыгы ырасталып турат.
Момун Шамурзак уулу
Абдымомун (Момун Шамурзак уулу) Кокон ордосуна таанымал, кадырлуу киши болгон. Өз мезгилинде Алымкулдун жардамы менен «аталык» даражасына жеткен. 1865-жылы Ташкент Орусияга каратылгандан кийин ал Кудаярдын кызматына кирүүдөн баш тартып, курама элинде (Ташкенттин түштүк-чыгыш тарабындагы чөлкөм) колунда бар адам катары жашап турган. Искак Асан уулу Полот хандын бирден-бир кеңешчиси жана кол башчысы катары курамалык Абдымомун олуттуу орунду ээлеген.
Искактын биринчи Аксы көтөрүлүшүнүн (1873–74- жылдар) басылышында камакка алынган Абдымомун 1874-жылдын күзүндө эле түрмөдөн качып Чаткал чөлкөмүнө жашырынып кеткен болучу. 1875–76-жылдарда Искак Асан уулу Полот-хандын экинчи кыймылында да активдүү катышкан. 1875-жылы октябрь айында Полот хан Коконду ээлеп, кыска мөөнөттө хандык жүргүзгөн мезгилде Абдымомун, найман уруусунан Сулайман удайчы, Алымбек датканын уулдары Абдылдабек, Мамытбек жана Асанбек, адыгинелерден Оморбек датка, кесек уруусунун бийи Молдо Касым, абагаттардан Орозаалы, бостон уруусунан Муса Молдо сыяктуу кыргыз бийлери жана бектери, кожо тукумдарынан Вали хан төрө, Ишекан төрө, Батыр төрө, хан тукумдарынан Абдыкапарбек, Абдыкеримбек, Календербек сыяктуу инсандар менен бирге Полот хандын жакын жан-жөкөрү жана пикирдеши болгон. Искак-Полот хан административдик башкарууда Абдымомунга ишеним көрсөтүп, өзүнүн биринчи наиби жана баш командачысы кылып алган.
1876-жылдын 8-февралында Кокон шаары М.Д.Скобелев тарабынан каратылганда Полот хандын 1873-жылдан берки жолдошу, бир кезекте көтөрүлүшкө жетекчилик кылууга Искакка жолдомо берип, далай эрдик көрсөткөн курамалык кыргыз Абдымомун да туткундалган. Абдымомун, Батыр төрө баштаган көтөрүлүштүн жетекчилери 1876-жылдын март-апрель айларында Кожентке, андан ары Ташкентке айдалган. Абдымомун Шамурзак уулунун андан аркы тагдыры белгисиз.
Шабдан Жантаевдин Түштүккө келиши
Шабдан Жантай уулу Ферганадагы элдик кыймылдын жүрүшүн 1873-жылдан бери эле байкап жүргөндүгү белгилүү. 1874-жылы Кожент кыргыздарынын суранычы боюнча алар менен байланыш түзүүгө аракеттенген, бирок мындай кадамды орус бийликтери тыйып койгон болучу. Жети-Суу облусунун башчысы 1875-жылы августта Махрам чебинен качып, Фергана өрөөнүнүн чыгыш элетиндеги кыргыз айылдарынан кол топтоп жүргөн Искакты кармап келүү үчүн Шабданды Түштүккө жиберүүгө аракет кылган. Бирок, манаптын туугандарынын мындай «орунсуз миссияны» аткаруу айтылуу Жантайдын уулуна ылайыксыз экендигин эскерткендигине байланыштуу, ал Түштүккө баруудан алгач баш тарткан. Ошол айда генерал Троцкий Шабданды Түштүккө келип Махрамдан качкан Полот ханды, Олуя-Ата уездиндеги камактан качып, Көк-Арт тарапта жашырынып жүргөн Абдымомунду издөөгө, түштүк кыргыздарын орус букаралыгына киргизүүгө көмөктөшүүгө буйрук кылган. Ал эми К. П. Кауфман Махрамдан качкан Аптабачыны кармоо үчүн барон Штакельбергдин казак-орус жүздүгүнө кошулуп, качкындарды куугунтуктоого катышуусун тапшырган. Ошондуктан Шабдан иниси Абдрахман, жөкөрү Баяке жана 40 жигити менен 1875-жылы Тогуз-Торо аркылуу Көк-Арт өрөөнүнө келген. Аны менен кошо Тогуз-Торо болушу Базаркул, бийлер: Бекболот, Эгемберди, Атаке, аткаминер жигиттер: Кожогалы, Кулмамбет, Шадыкан жана Дөңбайлар бар эле.
Алгач Шабдан Сузактагы Жаңы-Чек деген жерге токтоп, Жусуп бий, Чеки бий, Ормон бий, Абдрахман бий, Таштан казылар менен байланыш түзгөн. Андан кийин Шабдан жигиттери менен Штакельбергдин отрядынан алдыга озуп, Кауфмандын буйругу менен Анжыянга жөнөгөн. Бирок анын жолун Айым кыштагы ченде Полот хандын жигиттери тосуп, Шабдандын К.П. Кауфманга жиберген чабарманын колго түшүрүшкөн. Ушуга байланыштуу манапка Штакельбергди күтүүгө туура келген. Орус отряды менен кошулган Шабдандын жигиттери К.П. Кауфмандын Наманган тарапка кеткенин угушуп, ошол жакка бет алышкан. Жолдо Избаскен, Ботокара чөлкөмд өрүндө Полот ханды жигиттери булардын алдын экинчи жолу тосушкан. Барон Штакельбергдин 1875-жылдын 1-октябрындагы рапортунда Избаскен менен Ботокаранын жанындагы көтөрүлүшчүлөр менен болгон кагылышууларда Шабдандын аракеттери жогору бааланган. «Өзгөчө манап Шабдан жана менин татар котормочум Шерад экөө Тогуз-Тородон чыккандагы чек аралык бекет Атай капчыгайынан баштап Наманганга чейин керектүү чалгын маалыматтарын жыйноодо, инсургенттердин чабуулдарын кайтарууда зор көмөк көрсөтүштү», – деп жазат барон. Бул окуядан кийин Шабдан Жантай уулу орус жазалоочулары менен бирге Наманганда турду, Анжыянда болду. «Жакшы кызматы үчүн» Шабдан, анын жигиттери Георгиев крести, сый халаттар, акча менен сыйланышкан. Коженттен октябрдын аяк ченинде Шабдан жигиттери менен Чүйгө кайткан.
1876-жылдын июль айында Алай өрөөнүн Орусияга биротоло каратуу үчүн генерал М.Д.Скобелевдин демилгеси менен белгилүү «Алай согуштук-илимий экспедициясы» уюштурулган. Генералдын отрядында орус генералдарынын чакыруусу менен Түштүккө келген Шабдан Жантай уулу жана анын 25 жигити бар эле. Алар тоо шартында орус аскерлерине жол көрсөткүч, чалгынчы болушкан, кай бир учурларда согуштук операцияларга да активдүү катышкан. Шабдан жана анын инилери Абдрахман менен Байбосун Алай кыргыздарынын башчысы кадимки Алымбек менен Курманжандын тун уулу Абдылдабек менен генерал М.Д.Скобелевдин ортосундагы кат аркылуу сүйлөшүүсүнө чабарман болуп да кызмат өтөшкөн. Мисалы, 1876-жылдын 26-июль күнү Сопу-Коргондо Курманжандын уулу Асанбек агасы Абдылдабектин М.Д. Скобелевге жазган жооп катын алып келген. Катта ал Орусияга баш ийбестигин ачык айтып, орус бийликтери эгер Шабданды Ош уездине башчы кылып калтырса бул жерде тынчтык болор эле деген пикирин жазгандыгы тарыхта маалым. Каттын мазмуну Абдылдабектин Орусиядан жеңилсе да, элинин келечегин ойлоп, анын тагдырын Шабданга тапшырган тарыхый кеменгерлигин ачык көрсөтүп турат.
Кыргыз элинин чыгаан уулу, шартка жараша элинин амандыгын ойлоп аракеттенген айтылуу Шабдан Жантай уулу алайлык кыргыздардын орус баскынчылыгына каршы айыгышкан күрөшүндө ичинен сызып жан тарткандыр, бирок айласыздан аскери мол ак падышанын генералдарынын амиринен чыга алган эмес, колдон келишинче түштүк туугандарын кырылуудан аман алып калууга арга издеп, олжого мал түшсө кайра кайтарып берип, Курманжан датканын 29-июлда Чоң-Алайда кармалгандыгын уккандан кийин өз мекенинен кайра тарткан.
Зиябидин Максым
Кыргыз тарыхнаамасы үчүн Анжиян көтөрүлүшүнө катышып, Дукчи эшен менен тыгыз байланышта жүргөн инсан, теги кыргыз Молдо Зиябидин Максымдын бейдарек бейнесин калыбына келтирүү чоң мааниси бар ма селе.
1907-жылы жарык көргөн «Курманжан датка Алайлык кара кыргыздардын ханышасы» аттуу макаланын автору И.П. Ювачев 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү жана анын жетекчиси Мадали эшен тууралуу жазып келип: «Жогорудагылардын баарын тең эшен эмес, башында Кокон сарайынын иш башкаруучусу (же мырзасы), Молдо Магзум турган, анын тегерегиндегилер уюштурган. Козголоңдун чыгышын да негизинен ошондон көрүшөт», – деп баса көргөзгөн. (Караңыз: Ювачев И.П. Курманжан датка Алайлык кыргыздардын канышасы.//АТ. – 1989. – № 7.– 121–131-беттер.)
Дагы бир изилдөөчү Н.Ситняковский мындай пикир билдирген: «Молдо Зиябидин мыкты кескич да болгон, өз кезегинде көпчүлүк жасалма мөөрлөрдү жасагандыгын айтышат. Туземдиктер мага эшендик даража жөнүндөгү кагаздагы мөөрдү Зиябидин жасагандыгын кыйытышты. Бул кексе козголоңчу Мадалиникинде жашап, анын жакын кеңешчиси жана казыначысы да болуусу керек. Көп адамдар көтөрүлүштү Зиябидин жетектеп, ал эми Мадали анын жөн гана куралы болгон деп ойлошот. Эмне болгондо да Анжиянга кол салууда ага чоң роль таандык болгон». (Караңыз: Ситняковский Н. Минтюбинский Ишан Мухамед-Али. //Туркестанские ведомости. – 1899. – №1724.)
Келтирилген маалыматтарга таянып, «көтөрүлүштүн көмүскөдөгү жетекчиси теги кыргыз Молдо Зиябидин Максым болгонбу?» деген суроо жаралбай койбойт. Анткени, көпчүлүк булактарда Зиябидин Максымды көтөрүлүштүн «жаны» деп эскеришет. (Караңыз: Андижанское восстание и его причины… – 188-бет.) Ал эшендин кеңешчиси катары көтөрүлүш жөнүндөгү өзүнүн пикирине Мадали эшенди көндүргөн болушу ыктымал.
Мадали өзүн эшендик даражага жеткирген Зиябидин Максымдын кеңеши менен иш туткандыгын төмөнкү эскерүүдөн да байкоого болот. Мадали эшендин жээни Исаков Керимкул мындай деп эскерген: «Менин жашым 64тө. Дукчи эшен таякем болот. Мечиттин мунарасы кулап, бир нече молдо балдар каза болгондо, Дукчи эшенди губернатор сурак кылган. Таекебиз көбүрөөк Зиябидин Максымдын масилээти менен иш туткан. Зиябидин Максым кыргыз болуп, жашында Кокон, Бухара медреселеринде окуган. Кудаярхандын сарайында казыначы болгон. Анын беш баласы бар эле». (Караңыз: Эгамназаров А. Сиз билган Дукчи Эшон. – Ташкент. – 113-бет.)
Эскерүүдө айтылгандай эле Зиябидин Максым кезегинде Кокон ордосунда кызмат кылган жана көтөрүлүш-төргө катышкан. Бул жөнүндө В.П.Сальков: «Бул (Зия-бидин Максым) жашы 80ге чамалап калган, кары болсо да чыйрак, тажрыйбалуу жана таасирдүү үгүтчү болгон. Ал Кокон хандары Малла, Мадали, Кудаярхандарга каршы көтөрүлүштөргө активдүү катышкан жана Полот хандын жакындарынын катарында болгон. Бирок, бул капсалаңдардын баарынан зыян тартпай, запкы көрбөстөн чыккан», – деп жазат. (Караңыз: Сальков В. Андижанское восстание в 1898 году. – Казань, 1901. – 36-бет.)
Ал эми Орусиянын Орто Азияны басып алуусун изилдеген генерал-лейтенант М.А.Терентьев да Анжиян көтөрүлүшү тууралуу изилдөөсүндө Мадали эшендин бардык чарбасында жана китепканасында Зиябидин Молдо башкөз болгонун, ал акыркы Кокон ханынын катчысы катары кызмат өтөгөнүн эскерет. (Караңыз: Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. Т.3. – СПб., 1906. – 478бет.) Жогоруда аталган орус изилдөөчүсү В.П. Сальков: «Эшендин көптөгөн шакирттери бар болчу. Алар бир эле мезгилде анын эң ишенимдүү кызматчылары да болгон. Алардын арасынан жөндөмү жана тубаса акылы менен Молдо Зауддинь Магзумь аттуу кыргыз өзгөчө айырмаланып турган. Ал өтө маанилүү инсан», – деп көрсөтөт. Мадали эшендин «эшен» экенин далилдеген атайын документ болгонун, аны эшендин ишенимдүү шакирти, кыргыз аалымы – «Молдо Зияуддин Магзуми» жасап бергенин айтат. Сөз кылынып жаткан эмгекте Магзуминин теги кыргыз экени эки жолу ачык көргөзүлгөн.
Зиябидин Максымды көрүп-билип жүргөн кыргыз элинин көрүнүктүү жазгыч-акыны Молло Нияз (1823– 1896(98) санаттарында аны мындай эскерет:
«Голо темир, коргошун Ок болгонго күйөмүн.
Зиябидин Максымдар
Жок болгонго күйөмүн».
Белгилүү тарыхчы К.Усенбаев Мухаммед Зияуддин Максум-Дамулла Шариф оглы деп, Магзуминин толук аты-жөнүн келтирген.
Зиябидин Максымдын кол жазмасы кыргыз тарыхчысы А.Мокеев тарабынан 1992-жылы Стамбул университетинин китепканасынан табылган. Бирок кол жазманын автору Магзуминин ким экендиги такталбай келген. Бул маселени изилдөөгө алган белгилүү тарыхчы К.Молдокасымов мындай пикирди айтат: «Эң башкысы анын көлөмдүү кол жазмасы Стамбул университетинин китепканасынан табылып, анын теги ким болгондугу такталып олтурат. XIX кылымда Кокон хандыгындагы чиеленишкен саясий окуялардын күбөсү болуп, аларды кагазга түшүргөн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Зияуддин Максум эмгегинин түп нускасын Түркиядан келген Абдурахман Эфендиге 1888-жылы берип жатып, китепти 22 жыл бою жазып келе жатканын, аны Кудаярхандын өтүнүчү менен баштаганын, эми кол жазма ээсиз калып, хандын балдары ал китептин баркына жетпегенине арманы бар экендигин айтып, кол жазмасын аяктаган».
К. Молдокасымов Молдо Зиябидин учурунда Кокон хандарынын тарыхына байланыштуу эмгек жазгандыгын жана теги кыргыз болгондугун айтып келип, бирок анын кай жерлик экендиги, дарегинин чоо жайы тактала элек деген пикирин айткан эле. Бирок изилдөөлөрдүн натыйжасында, анын колониалдык мезгилдеги Фергана областынын Анжиян уездинин Ичкилик болуштугунун Жүлгө кыштагынан экендигин тактоого мүмкүн болду. Тарыхчы К.Молдокасымов В.П.Сальковдун эмгегине таянуу менен Зиябидин Максымдын кай жерлик экендигин тактоого аракеттенип, Жүлгө кыштагын мурунку орусча аталышы менен «Джумча» деп берген. К.Молдокасымовдун «Кыргыз тарыхчысы Кокон ордосунда кызмат өтөгөн» (Эркин Тоо. – 2001-жыл, 20-июль) деген макаласына жооп кылып, «Эркин Тоо» гезитинин үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрындагы санына Зиябидиндин урпактарынын, туугандарынын бири Муктар Бостонбаев «Тарыхый чындыктын такталышын күтөбүз» деген кайрылуу-макала жазып чыкты. Андагы маалыматтар боюнча Зиябидин Максымдын (Мухаммед Зияутдин Махсум-Дамулла Шариф Оглы) атасынын аты Мухаммед Шарип же Мамашарип болгондугу, Максым деген сөз беш-алты атасы молдо болуп өтсө, андай инсанга «максым» деген наам берилери, ал эми Зиябидиндин жети атасынан бери аталары молдо болушуп, анын кийинки урпактары да, мисалы, анын уулу Сражидин Максым Букарадан окуган чоң молдо болгондугу, Зиябидин кыргыздардын ичкилик бөлүгүнүн дөөлөс уруусунун айтамга уругунан экендиги, жашаган жери азыркы Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Айтамга айылы же мурунку Жүлгө айылы болгондугу такталып олтурат.
Зиябидин Магзуминин Стамбулдан алынган эски чагатай тилинде араб ариби менен жазылган кол жазмасын кыргыз аалымдары О.Сооронов менен Молдо Сабыр которушуп 2008-жылы «Фергана хандарынын тарыхы» аттуу китеп кылып жарыялашкан.
Жогорудагы жазма даректер жана эскерүүлөр баяндагандай, Зиябидин Максым теги жагынан кыргыз болгондугун жана Кокон ордосунда мырза башы, казыначы болуп иштеп, ордодогу окуяларды кагаз бетине түшүрүп жазгандыгын баса белгилөө менен биз, аны ХIХ кылымдагы билимдүү кыргыз окумуштуу-тарыхчысы катары көрсөтүүбүз абзел.
Чоку-бий
Жалал-Абад аймагынан чыккан кыргыз элинин белгилүү тарыхый инсандарынын бири Жакып молдо Жанболот уулу «Чоку бий» деген ат менен белгилүү. Ал 16 жашында Кандын коргону деп аталган жайга сейилге келген Мадали хандан бий наамын алган. Ошондон кийин Кокон ордосуна чейин «Бала бий» деген да атка конгон. Маалыматтарга караганда Чоку бий 1865-жылы Ташкенттин алдындагы М.Г. Черняев менен болгон согушта кадимки Алымкул аскер башынын кошуунунда, кийин 1873–74-жылдары Мамыр Мерген уулунун, Искак Асан уулу Полот хандын көтөрүлүштөрүнө катышкан. Кезегинде Кокон ордосунун ири саясатчылары менен байланышып иш туткан. Акылман Чоку бий Чаңгет өрөөнүндөгү, Зергер, Ийри-Суу аймактарындагы элди ордо оюндарынан алыс кармап келген, ыркы жокторду ынтымакка, бейжаңжалдыкка чакырган. Бейкүнөө элдин запкы жеп калышынан чочулаган кексе Чоку бий 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнө өзүнүн таасириндеги айылдарды да катыштырбай аман сактап калган.
Чыйбыл болуш Абдилла бий уулу
Чыйбыл Кокон хандыгынын мезгилинде Тогуз-Торо, Көк-Арт аймактарын бийлеген Абдилла бийдин уулу болгон. Абдилла бий Кудаярхан 1873-жылы ордого чакырып өлтүрткөн Шер датка баштаган 40 кыргыз бийлеринин бири катары эскерилет. Фергана өрөөнү 1976-жылы Орусияга каратылгандан кийин атасынын өлүмү үчүн Кокон хандыгына нааразы болушкан Чыйбыл агасы Нусуп экөө тең Орусия бийликтерине кирип, жергиликтүү башкаруучу «волосттук башкаруучу» – болуш болуп шайланышкан. Бирок колониялык саясаттын күчөшүнө, орус бийликтеринин жергиликтүү элге болгон мамилесине, айрыкча кыргыздардын семиз, сугат айдоо аянттарын тартып ала баштаган отор саясатына нааразы болгон Чыйбыл өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунан баштап орустарга каршы көтөрүлүш чыгаруу идеясына оогон. 1895-жылы Көгарт өрөөнүндө аттуу-баштуу кыргыздарды жыйнаган Чыйбыл болуш бул көтөрүлүштү жетектеп берүүгө Фергана өрөөнүндө окуусу, такыбалыгы жана олуялыгы менен белгилүү болуп калган Миңдөбөлүк (азыркы Анжиян областынын Мархамат району менен Ош областынын Араван районунун чектеш жериндеги кыштак) Мадали же Ийикчи эшенге сунуш кылган. 1895–97-жылдары Көгартта, Миңдөбөдө Мадали эшен менен бир нече жолу кеңешип, тарыхта белгилүү Анжиян көтөрүлүшүн даярдоого активдүү катышкан.
1898-жылдын 17-майында Чыйбыл болушка Анжиянга кол салуу жөнүндөгү шашылыш кабар күтүүсүздөн берилгендиктен, ал көтөрүлүшкө кошулган эмес. Ошондой болсо да көтөрүлүштү даярдоодо активдүү катышкан деген күнөө менен Чыйбыл болуш бир топ көгарттыктар менен бирге абакка салынып, соттолгондордун ичинде тизме боюнча экинчи болуп, алгач өлүм жазасына буйрулган, бирок өкүм мөөнөтсүз (өмүрлүк) сүргүн менен алмаштырылган. Галча Абдуллабиев, Мурат Али Нусупов, Төрөкелди Чыйбылов деген туугандары менен кошо сүргүнгө айдалган. Токтогул менен Эшмамбеттин айтыштарында белгилүү болгондой Чыйбыл сүргүнгө Токтогул ырчы менен кошо кетип, Иркутскийдеги темир жол тоннелинде иштеп жатып, катуу оорууга учурап, 1907–1908-жылдары сибирь жарасынан көз жумган.
Чыйбыл болуштан Төрөкелди, Алпамыш, Жоробек, Ырыскул, Табылды аттуу балдары, Кутбия аттуу кызы калган. 1916-жылы анын бир уулу Алпамыш көтөрү лүштүн уюштуруучусу катары орус бийликтери тарабын ан өлтүрүлгөн. Аны менен кошо Калмак-Кырчындагы Өңгү деген айылда отузга жакын адам атылган.
Колдонулган адабияттар:
Алымбаев Ж. Нүзүп бий.-Бишкек, 2000.
Бабабеков Х.Н. Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки. (ХVIII–ХIХ вв.). – Ташкент: Фан, 1990.
Бейсембиев Т.К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. – А-А., 1987.
Валиханов Ч.Ч. Собрание сочинений в 5-ти томах. – Алма-Ата: Главная редакция Каз. Сов. энциклопедии, 1984–1985.
Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец ХVIII–ХIХ вв.).- Фрунзе: Илим, 1985.
Галицкий В.Я., Плоских В.М. Старинный Ош. – Ф., 1987.
Гуревич Б.П. Международные отношения в Центральной Азии в ХVIII – первой половине ХIХ в.-М.,1983.
Джамгерчинов Б. Очерки политической истории ХIХ в.-Ф.,1966. Ибрат. Фаргона тарихи. // Мерос.Тарихий эссе.- Ташкент:
Камолак, 1991.
Кененсариев Т. Алымкул Аталык.-Ош,1999.
Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот хан.-Б.,1997.
Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.-Ош,1997.
Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.Ош,1997.
Кун А. Л. Очерк Кокандского ханства. // Известия РГО. -СПб., 1876.-Т.12. -Отд. 2.
Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России.- М.: Изд. МГУ, 1984.- 328 с.
Кыргызы и Кыргызстан: Опыт нового исторического осмысления.-Бишкек: Илим, 1994.-292 с.
Материалы по истории киргизов и Киргизии. -М., 1973.-Вып.1.
Материалы по истории политического строя Казахстана. -АлмаАта: АН Каз.ССР, 1960. -Т.1.
Молдокасымов К. Полот-хан.//Мурас.-№ 7.-1991.
Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. -Казань, 1885.
Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханства.-Ташкент: Фан,1973.
Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886.
Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство.-Фрунзе, 1976.
Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызов с народами Центральной Азии и с Россией в ХVIII в.-Б., 1995.
Сапаралиев Д. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. – Бишкек, 1999.
Солтоноев Б. Кызыл-кыргыз тарыхы. -Б., 1993.-1-китеп.
Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. -СПб.: Тип. Комарова, 1906.-Т.1-3.Троицкая А.Л. Материалы по истории Кокандского ханства ХIХ в.-М.: Наука,1969.
Усенбаев К.У. Народные движения Средней Азии в XIX в. (По материалам Кыргызстана). – Ф. – Ош, 2001.
Усенбаев К.У. Общественно-экономические отношения киргизов (вторая половина ХIХ – начала ХХ вв.). – Фрунзе: Илим, 1980.
Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60–90-е гг. ХIХ в.). -М.: Наука, 1965.
Хасанов А. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства. -М.: Наука, 1977.
Т.КЕНЕНСАРИЕВ
КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯНЫН КОЛОНИЯСЫ
Кыргызстан Орусиянын колониялык объектиси катары
«Колония» деген термин Рим империясынын мезгилинен берки түшүнүк болсо да, анын классикалык мааниси европалыктардын тышкы саясатынын натыйжасында орто кылымдан жаңы доордун аягына чейинки мезгилде калыптанды. Бул жагдайда айрыкча Англия бөлүнүп турат. ХIХ кылымдын аягына чейин «колония» деп Англияга саясий, экономикалык жактан толук көз каранды, бирок тургундары мурунку англиялыктар болгон аймактарды аташкан. 1841-жылы англиялык автор Г. Левиз колонияга мындай аныктама берген: «… бир өлкөгө баш ийген саясий жалпылыгы бар адамдардын кандайдыр бир тобунун, ал өлкөдөн чыгып, эч ким жашабаган же мурунку тургундарын кууп жиберүү менен бошогон чөлкөмдө көз каранды же көз каранды эмес өзгөчөлөнгөн коомду түзүшү колония деп аталат»[1]. Ошого жакын эле аныктаманы ХIХ кылымдын ортосундагы белгилүү англиялык статист жана экономист Д. Маккулох өзүнүн «Соода сөздүгү» деген китебинде берет. Ал «…адамдардын тигил же бул тобунун өз ата мекенинен ыктыярдуу эмиграция болуп же зордук менен көчүрүлүп баруусунун натыйжасында башка жерлерде пайда болгон турактарды «колония» дейбиз», – деп жазат [2].
Англиянын колонияларынын көбөйүшүнүн натыйжасында кийинчерээк Англия басып алган бош жерлерди, өлкөлөрдү, аралдарды – баарын эле «колония» деп аташып, термин өтө кеңири маани берип калды.
Батыш Европа өлкөлөрүнүн жана Орусиянын колониалдык системаларынын үлгүлөрүн карап туруп, колониялардын төмөнкү негизги типтерин атоого болот:
- Таза, «балакатка жете элек» типтеги колониялар. Бул тип эч ким жашабаган бош жерлерди колонизациялоодон пайда болот. К. Маркс өзүнүн «Капиталынын» ХХV бабында мындай жерлерди чыныгы, таза, «балакатка жете элек» (девственная) колониялар деп атайт[3]. Келгин оторчулардын отурукташуусу менен пайда болгон бул колониялар кийин алардын ээси – метрополияга экономикалык, саясий жана идеологиялык жактан толук көз каранды болот. Бирок колониялардагы тургундар метрополиянын граждандары болгондуктан, алардын укуктары бир аз гана чектелиши мүмкүн.
- Толук, чыныгы колониялар. Бул типке дүйнөлүк алакага кире элек, цивилизациядан сырт жашап жаткан жергиликтүү урууларды, элдерди басып алуу жана ал жерлерге метрополиялык келгиндерди отурукташтыруу менен түзүлгөн колониялар кирет. Мындай колонияларда жергиликтүү тургундар келгиндерден саны боюнча аз же көп болушу мүмкүн, бирок алар метрополияга толук көз каранды бойдон кала беришет. Жергиликтүүлөр жана келгиндер саясий, укуктук жактан кескин айырмаланышып, биринчилери толук саясий көз карандылыкта, экинчилери салыштырмалуу эркин абалда болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай системада метрополия менен колониялардын, келгиндер менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы карама-каршылыктар айыгышкан чекке чейин жетиши күтүлөт.
- Эл аралык коомчулукка белгилүү, бирок цивилизациялуу дүйнөлүк чарбага кире элек, өзүнүн мамлекеттик түзүлүшү, экономикалык, социалдык жана идеологиялык белгилери бар өлкөлөрдүн метрополия тарабынан басып алуусунун натыйжасында пайда болгон колониялардын тибин, негизинен, «саясий-экономикалык маанидеги колониялар» деп атоого болот. Мындай колонияларда келгиндердин чоң массасы жок болуп, жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүнө саясий, экономикалык жана руханий жагынан азыраак укуктар берилет. Ошондуктан жаңы шарттарда (дүйнөлүк чарба алакасына кирүү шарты) жергиликтүү тургундардын саясий-экономикалык жана руханий жактан акырындап өнүгүүсүнүн натыйжасында азаттык кыймылдары пайда болуп, колониялардын боштондук күрөшү жогорку деңгээлге чейин жетиши мүмкүн.
Кыргызстандын ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы жана ХХ кылымдын башындагы тарыхый, географиялык шартын карап, аны негизинен колониялардын экинчи тибине кошууга, анда үчүнчү типтин да айрым элементтеринин бар экендигин байкоого болот.
Орус падышачылыгынын Орто Азияга умтулушунун түпкү себептери совет тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн көңүлдөрүн бир кыйла буруп келген. Умтулуунун себептерин экономикалык жана саясий факторлорго бөлүштүрүп, авторлор тигил же бул факторду биринчи орунга коюу менен өзүлөрү да изилдөөчүлөрдүн эки пикирдеги тобун түзүшкөн.
Орус падышачылыгынын Орто Азияга умтулушунун түпкү себептери совет тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн көңүлдөрүн бир кыйла буруп келген[4]. Умтулуунун себептерин экономикалык жана саясий факторлорго бөлүштүрүп, авторлор тигил же бул факторду биринчи орунга коюу менен өзүлөрү да изилдөөчүлөрдүн эки пикирдеги тобун түзүшкөн.
Н.А. Халфин баштаган топ экономикалык себептерди биринчи орунга коюп, өсүп келе жаткан буржуазиянын кызыкчылыгын көздөгөн орус өкмөтү Түркстанды Орусиянын товарларын сатуучу жана өнөр жайына керектелүүчү чийки заттарды алуучу чөлкөм катары гана санап, аны өз кол алдына өткөрүп алууга умтулган деп эсептейт. Бул топко кыргыз окумуштууларынан Б. Жамгырчинов, А. Хасанов жана башкалар кошулушкан [5].
М. К. Рожкова, А. Г. Хидоятов, Н. С. Киняпина, М.М.Блиев сыяктуу окумуштуулар себептердин экөөнү тең кабыл алышат да, саясий себептерди биринчи орунга коюшат. Алардын ою боюнча орус өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы Англиянын империалисттик аракеттерин чектөө үчүн Түркстанды саясий-стратегиялык мааниси бар чөлкөм катары өз колуна мүмкүн болушунча тезирээк алууга умтулган деп жазышат. Ошол эле учурда, алар Орусиянын Орто Азиядагы экономикалык кызыкчылыгын да ырасташат, бирок экономикалык фактор 80-жыл дардан кийин гана үстөмдүк абалды ээледи деп көрсө түшөт [6].
ХIХ кылымдын 30–60-жылдарындагы эл аралык кырдаалды анализдесек, окумуштуулардын экинчи тобунун пикирине кошулууга болот.
Чынында, бул жылдары орус-азия мамилелеринде экономикалык, айрыкча соода кызыкчылыгы, көп мааниге ээ болгон эмес. М.К. Рожкованын изилдөөлөрүнөн көрүнгөндөй 1829–40-жылдардын чегинде орус товарларынын Азияга жиберилишинин көлөмү аз бойдон калган [7]. Азия менен соода жүргүзүүнүн финансылык жактан ал кезде Орусия үчүн анча пайдасы жок эле. Себеби, түркстандык соодагерлердин Орусияга товар сатуусу ХIХ кылымдын аягына чейин Орусиядан товар алып келүүдөн көптүк кылып турган. Мисалы, 1851-жылы Орусиядан Түркстанга товар жиберүү 839 миң рублди түзсө, товар кабыл алуу 1238 миң рублди, 1852-жылы болсо салыштырмалуу 710 жана 1400 миң рублди түзгөн. Анын үстүнө Түркстандык соодагерлер Орусиядан товар алып кетүүнүн ордуна алтын, күмүш түрүндө акча алып кетүүнү артык көрүшкөн [8].
Орус-Түркстан соодасынын Орусия үчүн пайдасыздыгы 1860-жылы борбордук басма сөз беттеринде айтылган. «Голос», «Народное богатство» гезиттери Орусия үчүн орто-азиялык хандыктар менен соода жүргүзүү пайдасыз, анткени орус экспорту Хива, Букара, Кокондон алынып келинген товарлардын баасынан алда канча аздык кылат. Ошондуктан сооданы өнүктүрүүгө аракеттенүү пайдасыз гана эмес, финансылык жактан зыяндуу дегенге чейин барышкан [9].
Жогоруда каралган себептердин натыйжасында Кыргызстан Орусия империясынын тышкы саясатында кайсыл мезгилден баштап колониялануучу объект катары карала баштагандыгын тактап көрөлү.
Бул суроо да окумуштуулардын көңүлүн буруп келген. Совет доорундагы изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүл үгү академик Б. Жамгырчиновдун орус-кыргыз байланыштары мурунтан эле болуп келсе да ХIХ кылымдын ортосундагы эл аралык абалга, айрыкча 1853–56-жылдардагы Крым согушуна, 1857-жылы башталган Индиядагы боштондук кыймылга, Кытай империясынын начарлашына, Кокон хандыгынын эзүүсүнүн күчөшүнө, кыргыз уруу башчыларынын орус букаралыгына өтүү далалатынын күчөшүнө байланыштуу Орусия Кыргызстанга болочоктогу колониялануучу объект катары мамиле кыла баштаган деген пикирин [10] улантышып келди. Академик С. Табышалиев каратуу жараянын үч чоң этапка бөлүп [11], Орусия Кыргызстанды колониялануучу объект катары өткөн кылымдын орто ченинен баштап карай баштагандыгын белгилейт. Окумуштуулар: К.Үсөнбаев, В. Плоских, Д. Сапаралиев да ошондой эле ойдо болушкан [12]. Бул маселе боюнча тарыхчылардын басымдуу көпчүлүгүнүн мындай ойдо болушу 1785, 1788, 1814, 1821, 1824–27-жылдардагы орус-кыргыз байланыштарынын негизинде кыргыз урууларынын кай бир төбөлдөрүнүн учурдагы түзүлгөн кырдаалга карата айласыздан Орусия империясына баш калкалоого аракеттенип, «ак падышанын амирине кирүүгө» умтулушун баса белгилөө Орусиянын колониялык басып алуу саясатына туура келбей калышынан чочулагандыгынын натыйжасы болуу керек. Себеби, Кыргызстан Орусиянын колониялык объекти катары 50-жылдардан алда канча мурун эле башталгандыгын айтуу совет тарыхнаамасынын каралып жаткан маселедеги «бирден-бир олуттуу жыйынтыгы» болгон «кыргыз элинин Орусия империясына өз ыктыяры менен биригүү» тезисине карама-каршы келип калмак. Бирок, акыркы мезгилдерде Орусиянын Кыргызстанга, тагыраак айтканда, анын түндүк чөлкөмдөрүнө ХIХ кылымдын 30-жылдарында көз арта баштагандыгы жөнүндө көз караштар пайда болду [13]. Биздин оюбузча Орусия өкмөтү Кыргызстанга же Түркстандын региондорунун ар бирине башка-башка мамиле кылган эмес. Жалпы Орто Азияга колониялык объект катары бирдей эле карап, ал мамиле ХIХ кылымдын 30-жылдарынан эле башталган деген пикирдебиз [14]. Бирок, бул али тарыхнаамада тактоону талап кылат.
Жалпы Орто-Азияга карата Орусиянын колониялык кеңири масштабдагы экспансиясы Крым согушунун алдында, өзгөчө андан кийин пайда болгондугун совет тарыхнаамасынын көрүнүктүү окумуштуулары белгилешсе [15] да, жаңы доордогу көптөгөн материалдар жана фактылар Орус падышачылыгынын иш жүзүндөгү Орто-Азияга карата колониялоо максатындагы экспансиясы 1830-жылдардын аягы ченде англо-орус тең тайлашуусунун курчушунун алгачкы мезгилдеринде башталган деген ойдобуз.
Эми Орусиянын келечектеги колониялануучу объектиси катары Кыргызстанды каратуу кандай ыкмалар (моделдер) менен ишке ашырылган? Тарыхнаамада бул маселе да олуттуу мааниге ээ. Окумуштуулар падышачылыктын чыгыш элдерин каратуусунда эки ыкманы сунуш кылышууда. Биринчиси – келишим, бүтүмдөр аркылуу тынчтык жолу менен; экинчиси – чөлкөмдүк басып алуу, согуштук, зордук жолдору менен [16]. Иш жүзүндө аталган эки ыкма таза, бир беткей колдонулган эмес. Тигил же бул ыкма тигил же бул кырдаалда үстөмдүк абалды ээлегени менен, чынында Түркстандын, анын ичинде Кыргызстандын, шартында аталган эки ыкма тең орун алган. Мисалы, ХVIII кылымдын аягынан ХIХ кылымдын ортосуна чейинки орус-кыргыз соода, элчилик байланышын түзүүдө Орусиянын Кыргызстанды басып алуусунун зарыл өбөлгөлөрү калыптанган да негизинен биринчи ыкма (модель) колдонулса, ХIХ кылымдын 50–60-жылдары Орусиянын Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратып алышында ыкмалардын экөө тең колдонулган. Ал эми ХIХ кылымдын 70-жылдары Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүн каратууда экинчи ыкма үстөмдүк кылган.
Жогорку кыскача иликтөөнүн негизинде төмөнкү жыйынтыкка келүүгө болот.
Орусиянын Түркстанга, анын ичинде Кыргызстанга болгон көз артуусу ХIХ кылымдын 30-жылдарынан эле башталып, бул жерлерди келечектеги колониялоочу объект катары кароого багыт алынган. Бирок, кийинки жылдары Кокон хандыгынын 1820-жылдардын ортосунан 40-жылдардын экинчи жарымына чейинки Түндүк Кыргызстандагы саясатынын активдештирилишине байланыштуу Орусия бул жерлерди колониялоо максатындагы басып алуу саясатын токтотуп койгондой көрүнгөнү менен анын генералдык багыты өзгөрүлгөн эмес.
Орусиянын Кыргызстанды болочоктогу колониялык объект катары карашы кылымдын ортосунда, айрыкча Крым согушу мезгилинде кайрадан активдештирилип, аны ишке ашыруу үчүн 50-жылдардын ичинде бир катар чечимдерди кабыл алган.
Эскертүүлөр:
1.Ерофеев Н.А. Английский колониализм в середине XIX в. – М., 1977. – 15-бет.
2.Ерофеев Н.А. Английский колониализм… -15-бет.
3.Маркс К. Капитал.//Маркс К., Энгельс Ф.-Чыг.2-бас.-Т.23.774-бет.
4.Жакыпбеков Ж. Историография проблем истории Кыргызстана второй половины Х1Х – начала ХХ вв. (Опыт, перспективы изучения). -Б., 1995.-45-бет.
5.Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60–90е гг. Х1Х в.).-М., 1965; Джамгерчинов Б.Д. Очерки политической истории Киргизии Х1Х в. -Ф., 1966; Хасанов А.Х. Экономические и политические связи Киргизии с Россией. -Ф., 1960 жана башкалар.
6.Рожкова М.Н. Экономические связи России со Средней Азией (40-е – 60-е гг. Х1Х в.). -М., 1963; Хидоятов А.Г. Из истории англорусских отношений в Средней Азии в конце Х1Х в. (60-е -90-е гг.) -Т., 1969; Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России. – М., 1984 жана башкалар.
7.Рожкова М.К Экономическая политика царского правительства на Среднем Востоке во второй четверти Х1Х в. и русская буржуазия.-М.,1949.-180-бет.
8.Рожкова М.К. Экономические связи…-53-бет.
9.Дмитриев Г.Л. Подготовка присоединения Средней Азии к России и центральная русская пресса.// Материалы по истории и археологии Средней Азии.-Т.,1975.-473-чыг.-40-бет.
10.Джамгерчинов Б.Д. Добровольное вхождение Киргизии в состав России.- Ф., 1963.-123-129-беттер.
11.С.Табышалиев – Орусиянын Кыргызстанды каратып алышын узак жана татаал жараян катары баалап, аны үч баскычка бөлгөн. 1) ХVIII кылымдын аягы – ХIХ кылымдын ортосу – орус-кыргыз соода, элчилик байланышын түзүү. Бул мезгилде Орусиянын Кыргызстанды басып алуусунун зарыл өбөлгөлөрү калыптанган; 2) ХIХ кылымдын 50–60-жылдарында Орусиянын Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратып алышы; 3) ХIХ кылымдын 70-жылдары – Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүнүн Орусия тарабынан каратылышы. (Караңыз: Табышалиев С. Кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү окуя. – СК. – 1988-жыл. – 13-сентябрь.)
- Үсөнбаев К., Плоских В., Сапаралиев Д. Кол беришүү.//АТ-1989. – № 1.
- 30-жылдардын башында Сыр-Дарыя менен Чүй дарыясын бириктирген тизимди түзүү пикирине ылайык Жети-Сууну каратып алуунун алгачкы пландары түзүлө баштаган. Мындай пландын бири Сибирь корпусунун штабынын подполковниги Бутовскийдин 1833-жылы алгач Батыш-Сибирь генерал-губернатору Нейгардтка тапшырган долбоору болучу. Долбоор Омбудагы гана эмес, Петербургдагы бийлик төбөлдөрүнүн да көңүлүн бурган. Долбоордо ЖетиСууну каратып алуунун саясий, экономикалык пайдасы айтылып, эгер мындай аракет ишке ашса, Орусия Индияга чейин ийгиликтүү жүрүш жасашы мүмкүн деген идеялар бар эле. (Караңыз: Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом, Китаем и Россией. – Б., 1995. – 5–7-беттер.) Өзбекстандын белгилүү окумуштуусу Х.З. Зияев атүгүл Орусиянын Орто Азияга болгон колониялык экспансиясы Петр Iнин тушунда 1717-жылы эле, орус аскерлеринин Хивага болгон жортуулунан башталат деп эскертет. (Караңыз: Зияев Х.З. К истории завоевания узбекских ханств царизмом.// Общественные науки Узбекистана. – 1990. – № 1. – 76-бет.)
- Буга 1839-жылы Англиянын Ооганстанга, Орусиянын Хивага болгон жортуулдары, алардын Орто Азияны өз таасирине тартуу үчүн 30–40-жылдары жүргүзгөн соода атаандаштыгы жана башка саясий окуялар мисал боло алат.
- Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60– 90-е гг. ХIХ в.). – М., 1965.-87-бет; Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России.- М., 1984.-255-57-беттер.
16.Агаджанов С.Г. Исторические взаимодействие России и Востока: Узловые проблемы и задачи изучения. // Россия и Восток: Проблемы взаимоотношения. -М., 1993.-10-бет.
Орусиянын Кыргызстанды каратышынын өбөлгөлөрү жана ХIХ кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз-орус алакалары
Орус падышачылыгынын Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга умтулушунун түпкү себептери совет тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн көңүлдөрүн бир кыйла буруп келген. Умтулуунун себептерин экономикалык жана саясий факторлорго бөлүштүрүп, авторлор тигил же бул факторду биринчи орунга коюу менен өзүлөрү да изилдөөчүлөрдүн эки пикирдеги тобун түзүшкөн.
Экономикалык себептерди биринчи орунга коюп, өсүп келе жаткан буржуазиянын кызыкчылыгын көздөгөн орус өкмөтү Түркстанды Орусиянын товарларын сатуучу жана өнөр жайына керектелүүчү чийки заттарды алуучу чөлкөм катары аны империянын кол алдына өткөрүп алууга умтулган деп эсептеген Н.А.Халфин баштаган топко кыргыз окумуштуулары Б. Жамгырчинов, А. Хасанов жана башкалар да кошулушкан [1].
М.К. Рожкова, А.Г. Хидоятов, Н.С. Киняпина, М.М. Блиев сыяктуу окумуштуулар себептердин экөөнү тең кабыл алышат да, саясий себептерди биринчи орунга коюшат. Алардын ою боюнча орус өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы Англиянын империалисттик аракеттерин чектөө үчүн Түркстанды саясий-стратегиялык мааниси бар чөлкөм катары өз колуна мүмкүн болушунча тезирээк алууга умтулган деп жазышат. Ошол эле учурда, алар [2] Орусиянын Орто Азиядагы экономикалык кызыкчылыгын да ырасташат, бирок экономикалык фактор 80-жылдардан кийин гана үстөмдүк абалды ээледи деп көрсөт үшөт.
ХIХ кылымдын 30–60-жылдарындагы эл аралык кырдаалды анализдесек, окумуштуулардын экинчи тобунун пикирине кошулууга болот.
Чынында, бул жылдары орус-азия мамилелеринде экономикалык, айрыкча соода кызыкчылыгы, көп мааниге ээ болгон эмес. Орус товарларынын Азияга жиберилишинин көлөмү аз бойдон калган. Азия менен соода жүргү зүүнүн финансылык жактан ал кезде Орусия үчүн анча пайдасы жок эле. Себеби, түркстандык соодагерлердин Орусияга товар сатуусу ХIХ кылымдын аягына чейин Орусиядан товар алып келүүдөн көптүк кылып турган. Түркстандык соодагерлер болсо Орусиядан товар алып келүүнүн ордуна алтын, күмүш түрүндө акча алып келүүнү артык көрүшкөн.
Эми Кыргызстан Орусия империясынын тышкы саясатында кайсыл мезгилден баштап колониялануучу объект катары карала баштагандыгын тактап көрөлү.
Совет доорундагы изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү академик Б. Жамгырчиновдун орус-кыргыз байланыштары мурунтан эле болуп келсе да ХIХ кылымдын ортосундагы эл аралык абалга, айрыкча 1853–56-жылдардагы Крым согушуна, 1857-жылы башталган Индиядагы боштондук кыймылга, Кытай империясынын начарлашына, Кокон хандыгынын эзүүсүнүн күчөшүнө, кыргыз уруу башчыларынын орус букаралыгына өтүү далалатынын күчөшүнө байланыштуу Орусия Кыргызстанга болочоктогу колониялануучу объект катары мамиле кыла баштаган деген пикирин [3] улантышып келди. Академик С. Табышалиев баштаган бир катар окумуштуулар Орусия Кыргызстанды колониялануучу объект катары өткөн кылымдын орто ченинен баштап карай баштагандыгын белгилейт. Бул пикир 1785, 1788, 1814, 1821, 1824–27-жылдардагы орус-кыргыз байланыштарынын негизинде кыргыз урууларынын кай бир төбөлдөрүнүн ошол учурдагы түзүлгөн кырдаалга карата айласыздан Орусия империясына баш калкалоого аракеттенип, «ак падышанын амирине кирүүгө» умтулушун баса белгилөө Орусиянын колониялык басып алуу саясатына туура келбей калышынан чочулагандыгынын натыйжасы болуу керек. Ал эми чынында 30-жылдардын башында СырДарыя менен Чүй дарыясын бириктирген тизимди түзүү пикирине ылайык Жети-Сууну каратып алуунун алгачкы пландары иштеле баштаган. Орусия Кыргызстанга же Түркстандын региондорунун ар бирине башка-башка мамиле кылган эмес. Демек, жалпы Орто Азияга колониялык объект катары бирдей эле карап, ал мамиле ХIХ кылымдын 30-жылдарынан эле башталган.
Орусиянын бул тышкы геостратегиясына албетте 1830-жылдардын аяк чениндеги англо-орус тең тайлашуусунун курчушу чоң таасир бергендигин белгилөө зарыл. Бул «Чыгыш маселеси» деп аталган эл аралык татаал проблеманын тегерегинде Англия менен Орусиянын кызыкчылыктарынын Орто Азиядагы тирешүүсүнөн улам келип чыккан. 1839-жылы Англиянын Ооганстанга басып кириши Орусиянын Түркстанды ээлөөгө умтулушун күчөтүп, В.А. Перовский ошол эле жылы Хивага ийгиликсиз жортуул уюштурган. Англиянын жана Орусиянын 1839-жылкы бул жүрүштөрүндө кандайдыр бир диалектикалык карама-каршылык да, ошол эле учурда биримдик да болгон. Түркстанды басып алууга аракеттенген бул эки державанын максаттары эки башка болгону менен, аны аткаруу ыкмасы, мүнөзү, мөөнөтү жана негизи окшош эле.
Кийинчерээк Орусиянын 1846-жылы Улуу Жүз казактарын каратып алуусу, Раим жана Копал чептеринин курулушу орус-кокон мамилелеринин курчушуна алып келген. Англо-орус атаандашуусу кылымдын ортосунда, айрыкча Крым согушу мезгилинде активдештирилип, аны ишке ашыруу үчүн 50-жылдардын ичинде бир катар аракеттер жасалган. Мисалы, Петербургда, Москвада жана Оренбургда орус өкмөтүнөн Орто Азия хандыктарына карата чечкиндүүлүктү талап кылган пикирлер көбөйө баштагандыктан, 1853-жылы Оренбург генерал-губернатору В. Перовский Ак-Мечитти каратып, 1854-жылы Верный чыңдоосу курулган. Ал жерде аскер гарнизону жайгашып, Оренбург-Сибирь тилкелерин бириктирүүнүн алгачкы кадамы ташталган. Казакстанды толук багындыруу жана Орто Азияга басып кирүүгө ыңгайлуу өңүт катары аталган тилкени түзүү чечими 1854-жылы Өзгөчө Комитеттин токтомунда бекитилген.
Оренбург генерал-губернатору А. Катенин 50-жылдардын ортосунан баштап Кокон хандыгына карата чечкиндүү аракеттерге өтүүнү бир нече жолу сунуш кылган. 1860-жылдардын башында англо-орус атаандаштыгы Англиянын Ооганстандагы активдүү саясаттарынан улам күчөп кеткен. Бул Орусиянын Түркстанды басып алуу планынын иштелип чыгышын тездеткен. Азия департаментинин директору Н.П. Игнатьев согуш министри менен тышкы иштер министринин ашкере пассивдүүлүгүн сынга алганына байланыштуу, 1863-жылдын февралында Өзгөчө комитеттин, министрлердин, жергиликтүү генералгубернаторлордун биргелешкен кеңешмесинде Оренбург, Сибирь тилкелерин бириктирүү максатка ылайык деп табылган. Император март айында бул маселе боюнча тиешелүү көрсөтмө берип, 1864-жылы согуш операцияларын баштоого чечим чыгарган [4].
Ошентип Түркстанды каратуу Орусиянын саясий-экономикалык кызыкчылыктардын комплексинин объектиси болуп, англо-орус колониялык атаандашуусунун чордонунда өөрчүп олтурган да, аны чечүүнүн өбөлгөлөрү XIX кылымдын 30–60-жылдарында даярдалып бүткөн.
Орус-кыргыз байланыштарына алгачкы из салган Атаке Тынай уулунун Петербургга жиберген элчилиги болуп саналат. Элчиликтин негизги максаты Орусиянын колдоосуна ээ болуу, Борбордук Азиядан жана Чыгыш Түркстандан Орусияга карай чыккан соода кербендеринин маршрутун өзгөртүп, Кыргызстан аркылуу өтүүсүн камсыз кылуу болучу. Омбуга 1785-жылдын 23-августунда келип жеткен кыргыз элчилери Атаке баатырдан Сибирь генерал-губернаторуна кат жана эки аргымак, Екатерина IIге атайын расмий кат, бир кул, үч илбирстин жана беш сүлөөсүндүн терисинен турган жөнөкөй белектерди ала келишкен.
Элчиликтин башында Абдрахман Кучаков жана Шергазы деген кишилер турган. Кийинки изилдөөлөрдө алгачкы кыргыз элчилигинин башчысы Абдрахмандын чыныгы аты Карыганбай болуп, ал аксылык кыргыз Алкучак Буйнаковдун 1739-жылы туулган уулу экендиги, анын теги XVIII кылымдын биринчи жарымында Наманган чөлкөмүндө жашаган кыргыздардан, ал эми алардын 200дөй тобу 1756–58-жылдары Цинь империясы Жунгарияны талкалаганда качкан ойроттор менен кошо Сибирге келип, Орус букаралыгын кабыл алгандыгы, кийинчерээк алар Астрахань губерниясында жашап турушкандыгы, ал эми Карыганбай Алкучаков 1770-жылдары өзүнө караштуу кыргыздар менен алгач мурунку мекени Аксыга кайтып келгендиги, анан 1880-жылдарда сарыбагыш бийи Атаке баатырга кызмат кылгандыгы жана Чүйдө, Кеминде жашап калгандыгы такталды. Ошентип, Абдрахман Кучаков кээ бир чыгармаларда жазылгандай ташкендик көпөс эмес, теги аксылык кыргыздардан (анын уруу теги божомолдо кыргыздын сол канатынын мундуз, саруу же кушчу уруусунан болушу ыктымал) болуп, анын так аты жөнү Карыганбай Алкучак уулу экендиги илимде белгилүү болду [5].
Орусияга жөнөтүлгөн бул биринчи элчиликке 1770- жылдардан кийин Орусияда калып калышкан башка кыр гыздар жөнүндө маалымат алуу, жайы келсе аларды мекенине кайтаруу милдети да коюлган. Ошондуктан Атаке баатырдын биринчи кыргыз элчилигинин башына Орусияда жашап, тил билип, бир топ жер кыдырып, элжердин шартын жакшы түшүнгөн Карыганбайды коюусу бекеринен эмес эле. Элчиликке барган экинчи киши Шергазы деген жигит болгон. Булактарда анын ата-теги беймаалым болсо да, расмий элчиликке Атаке бий сөзсүз өз туугандарынан кошуусу зарыл эле. Демек, «Шергазы Атакенин асырап алган уулу болгон» деген элдик санжырага таянган пикир туура.
Омбуда жылуу кабыл алышканы менен, 1785-жылдын 29-декабрында Петербургга келишкен кыргыз элчилерин улуу айым Екатерина II кабыл албай, бир жылга чейин күттүргөн. 1786-жылдын акырында гана император айымдын кабыл алуусунда болгон кыргыз элчилигинин башчысы ооруп калып, 1788-жылдын 14-сентябрында гана мекенине карай кайра тарткан. Орус падышасынын элчилерди кабыл алгандыгы жөнүндө билдирилген А.А. Вяземскийдин каты 1787-жылдын башында эле алыскы кыргыз жергесине жиберилген болучу. Жооп катты Атаке баатырга жеткирүү үчүн Омскиден 1787-жылдын октябрь айында Муслим Агаферовдун башчылыгы астында казандык көпөс Абдрахман Нурмамедовдун соода кербени Кыргызстанга аттанган. Кербен Атаке баатырдын Чүй жана Ысык-Ата өзөндөрүндөгү кыштоолорунан таап, катты салтанаттуу түрдө тапшырган.
Атаке баатыр элчилердин келишин күтпөй эле, 1788жылы жайында Омбуга Карыганбайдын уулу Сатымбай башында турган экинчи элчиликти жиберген. Элчилер 2-августта Омбуга келишкенде, Сибирь бийликтерине М. Агаферовдун кербенин Атаке баатырдын уулдары Солтоной менен Байшүгүр талап кетишиптир деген каңшаар угулган. Петербургдан кайткан элчилер поручик И. Сипайловдун коштоосу менен 1788-жылдын 23-декабрында Петропавловск сепилине жеткенде, алардын алдын тоскон Сатымбай атасы менен учурашкан. Карыганбай Алкучаков оорусуна карабастан жогоруда аталган каңшаарды иликтөөгө киришип, Атакеге «аман-эсен Омбуга жеттик» деген кат жиберген да, эки элчилик экөө тең Омбуда «барымта» катары кармалып турган. Бирок Атаке баатырдын жообун ала албастан, Абдрахман Кучаков 1789-жылдын июнунда дүйнөдөн өткөн. Агаферовдун кербенинин каракталышы жөнүндө тергөө 1793-жылы гана бүтүп, талоончулар казактардын орто жүзүнүн султаны Кудаймендинин төлөнгүттөрү Таирберди менен Аккочкор экендиги такталгандан кийин гана, Сатымбай Карыганбай уулу Чүйгө кайткан. Ошентип, Орус падышачылыгынын Атаке баатырга болгон ишеними кайрадан калыбына келген.
Биринчи кыргыз-орус байланышында конкреттүү келишим түзүлбөгөнү менен, анын чоң саясий мааниси бар эле. Себеби, ал Орусиянын Кыргызстанды каратышынын ишке ашуусуна жана ошол эле учурда ички жана тышкы ыңгайсыз саясий кырдаалдан жапа чеккен кээ бир кыргыз бийлеринин орус мамлекетине жүз буруусуна зарыл өбөлгө түзгөн.
Мындан кийин 1813-жылга чейин орус-кыргыз байланыштары жөнүндө эч бир маалымат жок. Мамиленин пассивдүүлүгүнө Наполеондун согуштарына байланыштуу Орус падышачылыгынын көңүлүнүн Европага бурулушу, падышалардын алмашылышы (Екатерина II 1796-жылы 6-ноябрда дүйнөдөн кайтканда, анын ордун Павел Iнин ээлеши, ал эми анын 1801-жылы 12-мартта киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу, тактыга Александр Iнин олтурушу), 1812-жылдагы Ата-Мекендик согуш, Омскидеги губернаторлордун сыйлыгышышы (1789-жылы өлгөн Н.Г. Огаревдин ордун Г.Г. Штрадман ээледи, ал да көп өтпөй губернаторлуктан кетип, ордуна Г.И. Глазенап дайындалды), ошондой эле кыргыз жериндеги ички араздашуулар, Кокон хандарынын кысымы, Цинь империясынын экспансиялык саясаты сыяктуу факторлор таасирин тийгизген.
1813-жылы Ысык-Көл жана Чыгыш Түркстанга Миркубан Ниязовдун кербени менен кыргыздарды Орусияга баш ийүүгө үгүттөө жөнүндө атайын тапшырма алган тыңчы А.Л.Бубеновдун келиши менен орус-кыргыз алакалары кайра жанданган. Натыйжада көлдүк кыргыз бийлери Сибирге бугу уруусунун белек уругунун манаптары Койчубек Шералы уулун жана Жакыпбек Ниязбек уулун элчиликке жиберишкен. 1821-жылы Көлгө Батыш Сибирь генерал-губернатору «П.М. Капцевичтен кыргыздарды орус таасирине тартуу боюнча атайын тапшырма алган» көпөс Ф.Сейфуллин келген. Натыйжада ошол жылы белек уругунун атынан экинчи жолу Шералы бийдин асыранды уулу Галжэбек Сибирде болуп кайткан.
1824-жылдан баштап демилге бугу уруусунун башка уруктарына өтүп, Омбу шаарына арык тукумунан Акылбек Олжобай уулу, белектерден Алгазы Шералы уулу, желдең уругунан Алымбек Жапалак уулу элчиликке жиберилген. Кийинки жылы дарыгер Ф.К.Зибберштейн, хорунжий Т.В.Нюхалов башында турган казактардын отряды Ысык-Көлгө келиши менен, кысым көрсөтүп жаткан кокон бийликтерин четтетип, бугуларды орус букаралыгына өтүүгө үгүттөөнүн жаңы этабы башталган. Бул ийгиликти бекемдөө үчүн 1827-жылы А.Л. Бубенов көлгө дагы бир жолу келип кеткен. Бирок, Кокон хандыгынын 20–30-жылдарда Кыргызстандын түндүгүн мамлекеттин курамына кошуусу жана башка саясий окуялар 40-жылдардын башына чейин орус-кыргыз мамилесин токтотуп турган. Жалпысынан XIX кылымдын башынан 40-жылдарына чейинки Теңир-Тоо кыргыздарынын эл аралык абалы Орусия, Кытай жана Кокон мамлекеттеринин ортосундагы тең салмактуулукту сактап турган фактор болгон. Батыш Сибирь генерал-губернатору Г.Х. Гасфорддун «үч коңшу державанын чек араларында ыңгайлуу жана бекем жайланышып, башка кыргыздарга (казахтарга) караганда деми күчтүү жапайы ордону (кыргыз элин) ээлеп алуу аталган үч өлкөнүн саясатындагы бирден-бир маселе» деген сөзү муну айкын далилдеп турат [6].
Түндүк Кыргызстандын өткөн кылымдын 40–50-жылдарындагы саясий абалында сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Ниязбек уулу Ормондун хандык мезгили (1830-жж. башы – 1854-ж) өзгөчө орунду ээлейт. Себеби, ал Түндүк Кыргызстандагы ушул мезгилдердеги бир катар саясий окуялардын чыгып кетишин шарттаган. Ормон хандын туулган жылы тууралуу так кесе айтуу кыйын. Санжырага таянып Ормон хан болжолу 1791–1792-жж. аралыгында төрөлгөн деп айтууга болот. Ормон сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ниязбектин 8 уулунун төртүнчүсү эле. Анын чоң атасы Эсенгул бий калмак баскынчыларына каршы күрөштө, XVIII к. 70-жылдарында Аблай хандын, Көк жал Барактын чапкындарына каршы күрөштү уюштурууда да зор роль ойногон.
Ормондун хан көтөрүлүшү изилдөөлөрдө ар башка берилет. Б. Солтоноев Ормон 39 жашында 1830-жылы Кочкордун аягы Орто-Токойдо хан көтөрүлгөн десе, башка чыгармаларда ал 1840-жылдары бугу, саяк, сарыбагыш, солто, саруу, кушчу, черик жана башка уруулардын бийлери катышкан Кетмалдыдагы Тармал-Сазда (азыркы Балыкчы шаары жайгашкан жер) жыйында хан көтөрүлгөн делет [7]. Бирок, эки окуя тең тарыхый факт болгон деген ой туулат. Ормон Ниязбек уулу 1840-жылдарда түндүк кыргыз урууларына бир топ таасирлүү инсан катары таанылганда кыргыздардын басымдуу бөлүгүн мамлекетке бириктирүү аракетин жасап, өзүн экинчи жолу хан деп жарыялатууга жетишиши мүмкүн.
Атантай менен Тайлак жетектеген элдик кыймылды эсепке албаганда, бул мезгил Чүй, Ысык-Көл, Кочкор жана Жумгал өрөөндөрү үчүн тынч болучу. 1840–41-жылдарда солто жана таластык багыш урууларынын барымта араздашуусунан башка түндүк кыргыз урууларынын өз ара мамилеси ачык куралдуу кагылыштарга жеткен эмес. Сарыбагыштардын тынай тобунун манабы Жантай Кокон ордосуна жакыныраак болуп, бирок негизги маселелерде Ормонго баш ийген. Солто манабы Канайдан өзгөчөлөнүп, ошол эле уруунун экинчи манабы Жангарач Кокон амирлигине жан тартса да, Ормон аны менен тил табышып турган. Бугудан Боромбай менен Балбай XIX кылымдын 40-жылдарынын башына чейин Кокон хандыгынын бийлигин формалдуу кабыл алышканы менен, кийин Орусияга жүз буруп кетишкен. Ошол себептүү келечекте орус бийликтеринен жардам күткөн эки манап Ормонду жактырышкан эмес. Ормон менен куда болгонуна карабастан (Ормондун кызы Кулан Боромбайдын уулу Өмүрзактын аялы болучу), Боромбай анын бийлигин тааныган эмес. Өткөн кылымдын 40-жылдарында белек, арык-тукуму, желдең, кыдык жана башка бугу уруктарын бириктирип, башкарып турган Боромбай менен Ормондун араздашуусу кийинки бугу-сарыбагыш чабышынын бир себеби болуп калган.
Орус мамлекетиндеги жана Түндүк кыргыз урууларынын өз ара мамилелериндеги 1827–1840-жылдардагы жогоруда айтып өткөн абал орус-кыргыз мамилелерин токтотуп турганы менен, 1842–1844-жылдардагы Кокон ордосундагы так-талашуулар (1842-жылы кыргыз бийи Нүзүптүн күчү менен Шералы хандын такка олтурушу, 1843-жылы Нүзүптүн өлтүрүлүшү, 1844-жылы 14 жашар Кудаярды хан деп жарыялап, кыргыз-кыпчак бийи Мусулманкулдун бийликти толук колуна алышы) хандыктын Түндүк кыргыздарынын арасында саясий таасирин солгундаткан.
Мындай ыңгайлуу шартты пайдаланган бугу уруусунун манабы Боромбай Бекмурат уулу 1844-жылы Орусияга ыкрардык мамилени кайрадан жаңыртты. Тагай бийдин 9 муундагы урпагы Боромбай Бекмурат уулу болжолу 1789–90-жж. туулган. Анын ата-бабалары Белек бий, Алдаш бий, Бекмурат (Меңмурат) бий XVIII к. биринчи жарымында калмак чапкынынын натыйжасында арка кыргыздары Фергана, Гиссар, Кулябга сүрүлгөндө калк башында турушкан. Кийинчерээк кыргыз уруулары АлаТоого кайта баштаганда, адеп Кетмен-Төбөгө келгени бугулар болгон. Ал эми Ысык-Көлгө алар XVIII к. 70-жж. кайтып келишкени белгилүү. П.П.Семенов-Тянь-Шанскийге жолукканда Боромбай биздин Көлгө келгенибизге 71 жыл болду дегенине караганда ал окуя 1774-ж. туура келет.
Боромбай бийдин 1844-жылкы Орусия бийликтери менен алаканы кайрадан жаңырткан кадамы жылдан-жылга күчөп бара жаткан кыргыз, казак бийлеринин мамилелеринин курчушуна, феодалдык өз ара чыр-чатактарга байланыштуу болсо да, түпкү себеби Кокон хандыгынын бийлигинен кутулуу жана Цинь империясынын экспансиясына каршы Орус падышачылыгынан колдоо издөө болчу. Албетте, мунусу менен Боромбай сыяктуу манаптар өз зоболосун көтөрүүнү негизги максат кылышкан, ошол эле учурда бул аракет Орус колонизаторлорунун мүдөөсүнө да төп келген.
Боромбай Батыш-Сибирь бийликтерине жазган катында Орус букаралыгына өтүүнү каалагандыгынын, ал түгүл ант берүү үчүн Петербургга өкүлдөрүн жиберүүгө даяр экендигин, мурункудай (1824-жылкы элчиликтей) жиберген элчилерди Сибирден эле кайтарып жиберишсе «капа боло тургандыгын» билдирди [8]. Бирок, Боромбайдын өтүнүчүн орус императору Николай II кыргыздардын алыстыгына жана алардын «бейкуттугун» кармап турууга Сибирь тилкесинде согуштук күчтүн аз экендигине шылтоолоп четке каккан.
XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз уруу башчыларын Орусия империясына кайрылууга түрткөн дагы бир чоң окуя болду. Аблай хандын небереси Кененсары Касым уулунун XIX кылымдын 30-жылдардын аягындагы Орусия империясына, Кокон хандыгына каршы күрөшү, өзүнүн прогрессивдүү жактары менен кошо чоң атасы Аблайдын Казакстандагы ээликтерине, ошондой эле 1775–81-жылдардагы ага карап турган арка кыргыздарынын жерлерине (Талас, Чүй өрөөндөрү) кайра ээлик кылууну көздөгөн монархиялык максаты да бар эле. 1845-жылы Урал жана Оренбург тилкелеринде орус чыңдоолорунун курулушу Кене хандын абалын оорлоткондуктан, ал борбордук Казахстанды таштап, Улуу Жүздүн Жети-Суу чөлкөмүнө келүүгө мажбур болгон. 1845-жылы ал «оруска каршы аттанууга мага көмөктөшүүгө макул болгула жана менин бийлигиме багынып бергиле» деген маанидеги каттарын Чүй, Талас кыргыздарынын манаптарына жиберген.
Бул каттар Ормон жана Жантай катышкан кыргыз бийлеринин жыйынында талкууланып, анда Кененсарынын талабына баш ийбөө жана согушка даярдануу жөнүндө чечим кабыл алынган. Муну уккан Кененсары хан 1845-жылы таластык кушчулардын бийи Бүргөнүн уулу Калчаны туткундап, (бирок ал 3–4 айдан кийин бошотулган), солтолордун жайыл уругу менен кагылышууга үлгүргөн. 1846-жылы жазында Ит-Кечүү, Мерке сыяктуу Кокон сепилдериндеги сарбаздардын башчылары Кененсарынын аракеттерине тоскоол боло алышкан жок. Эми Кененсары Чүй манабы Жангарачтын ээликтерине басып кирип, тынай уруусунун бийи Калпактын айылы таланып, анын өзү өлтүрүлгөн. Сарыбагыш манабы Төрөгелдинин айылына да чабуул коюлган.
Кененсары хандын бул биринчи жортуулу анча ийгиликке жетпесе да, элдин бүлүнүшүнөн чоочулаган кыргыз манаптары солтодон Жаманкара, Болот, сарыбагыштан Калыгул баштаган элчилерди Кене ханга тынчтык келишим түзүүгө жиберишкен. Бирок Кененсары Жаманкара менен Болотту өлтүртүп, Калыгулду гана «тынч жашайбыз» деген оозеки убада менен кайтарган.
1847-жылы жазында Султан Кененсары Чүй кыргыздарына экинчи жолу чапкын уюштурган. Мындай кырдаалда Чүй, Кочкор, Жумгалды жердеген сарыбагыш манаптары Ормон менен Жантай, солтодон Жангарач бий 40 миң түтүн элдин атынан Орус букаралыгына өтүүнү каалагандыктарын билдирген жана Кененсарыдан коргонууга жардам сураган катын Сибирдеги орус төбөлдөрүнө жиберүүгө аргасыз болушкан. Сибирь бийликтери «Орус букаралыгына өтүү» маселесин 1844-жылы Боромбайга айткан шылтоолорундай эле четке кагып, бирок Кененсары менен куралдуу кагылышта кыргыздарды колдоорун билдирүү менен гана чектелишкен.
Кене хан 1847-жылы жазда Меркени камап жаткан кезде, Жантай солто элин Чүйдүн башына, Кеминге көчүрүп, өзү кошууну менен Токмоктун жанында жоо жолун тосуп, аларга сарыбагыштардан, саяктардан да кошуундар келип, топтолуп жатты.
Кененсарынын колу менен кармашуу 5–6 күнгө созулган. Эки тараптан тең кан суудай акты. Салгылашуунун 12-күнүндө Ысык-Көлдөн чүйлүктөргө жардамга жөнөгөн Ормондун кошууну кармашка жетип келген ченде, кыргыздар чечкиндүү чабуулга өтүшүп, казактар курчоого алынды. Кененсары, иниси Ноорузбай экөө тең колго түштү да, өлтүрүлдү.
Кененсары менен болгон согушта бугулар менен саяктардын басымдуу бөлүгү катышкан эмес. Көлдүк кыргыздардын мындай кадамына Боромбайдын таасиринде турган уруулардын сарыбагыштар менен ыркы келишпегендиги биринчи себеп болсо, бугулардын Орус бийликтери менен мамилеси башка урууларга караганда жакшы болгондугуна байланыштуу казактар бизге тийише албайт деген ишеним экинчи себеп болгон. Ошол эле учурда өз алдынча саясат жүргүзүүнү көздөгөн Боромбай Кытай империясы менен да ымалага кирүүгө умтулгандыгы белгилүү. 1840-жылдардын акырында ал кытайдын административдик башкаруучусунун даражасы «шарик» титулун алган болучу.
Кантсе да бул фактылар кыргыз феодалдарынын биримдиги жоктугуна жана уруу кызыкчылыктарынын элдик кызыкчылыктардан жогору коюлгандыгына күбө.
1848-жылы Жантай Карабек уулу Ормон хан менен макулдашып, Омбуга элчи жиберген. Ал элчиликтин башында Калыгул Кубат уулу (Кээде Албек уулу деп да жазышат) туруп, алдына эки максат койгон эле. Максаттын биринчиси ошол кезде Орусиянын курамына кирген Иле казактарынын туткунунда калган Төрөгелди баатырды Орус бийликтеринин кийлигишүүсү менен бошотуу болгон. Төрөгелди 1846-жылы жайындагы Кене хандын биринчи чабуулунда колго түшүп, кийин 1848-жылы Иле боюндагы Эр Мукандын туткунунда жүргөн болучу. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кененсарыга мурунтан тымызын каршы болуп жүргөн казак султаны Рүстем менен меркелик Супатай бийдин сунушу боюнча Жантай Сибирь бийликтерине Кене хандын кесилген башын берип жиберген. Мунусу менен ал Орус империясына сөөк өчтү душмандын жок болгондугун билдирүүнү ойлогон. Буга ыраазы болгон орус бийликтери Төрөгелдини бошотууга жардам берүүсү мүмкүн эле. Экинчиси – Кокон хандыгынын таасиринен бошонуу болучу. Себеби, өз алдынча саясат жүргүзүүгө умтулуп жаткан кыргыз манаптары Орус империясынын курамына өтүп, «орус букарасы» деп аталганы менен мындай кадам жогорку мүдөөгө жетүүгө шарт түзмөк жана ал ошол кезде бирден-бир туура жол деп эсептелинген.
Бул элчиликтен соң орус бийликтеринин кийлигишүүсү менен Төрөгелди туткундан бошотулган. Ошондой эле орус бийликтери Ормондун жана Жантайдын аракеттерин колдоорун билдиришкен. Элчилерден Сибирь бийликтери Жантайга мактоо баракчасын, алтын медаль, Ормонго да ушундай эле сыйлыктар менен кошо алтын жип менен саймалаган чепкен берип жиберишкен. Мындан тышкары орус өкмөтү Ормонго подполковник чинин ыйгарып, Кене ханга каршы согушка активдүү катышкан 12 кыргыз баатырынын ар бирин алтын медаль менен сыйлаган [9]. Алтын медалдарды Ормон, Жантайдан башка Кененсарыны колго түшүргөн Калча баатыр, анын башын кескен Кожобек, ал башты Омбуга алып барган Калыгул да алган [10]. (Айта кетчү нерсе. Бир тууган эки элдин бири-бирине кыргын салышы жана жеңген тарапка орус баскынчыларынын «баатыр» катары сыйлык бериши азыркы муундардын үрөйүн учурган шумдук нерсе сыяктуу сезилери анык. Иштин мындай бүтүшүнө жүрөг үбүз канаганы менен, тарых чындыгын тана албайбыз.)
1848-жылы Боромбай орус бийликтерине кат аркылуу дагы кайрылган. Катында ал Ысык-Көлдү жердеген 10 миң үйлүү бугу, бир нече миң түтүн сарыбагыш, саяк жана бир аз солто уруулары өз ара араздашып турушканын, алардын күчтүү башчысы жоктугун, ошондуктан орус бийликтери бул жерди камтыган диван (округ) түзсө, анда Кокон да, Кытай да катыла албастыгын эскерткен [11]. Бул өтүнүч генерал-губернатордун «кези келгенде аткарыла тургандыгын билдирген жооп каты менен гана чектелген.
Ормон өзүн хан деп эсептегени менен кыргыз элин бириктирип, чек араларды тактоого анын күчү да, мүмкүнчүлүгү да жок эле. Ошол мезгилде анын карамагында Чүйдүн башын, Ысык-Көлдүн батышын, ошондой эле Кочкорду ээлеп турган сарыбагыштар гана болуп, көп сандаган солтолор, саяктар Ормондун хан көтөрүлүшүн четке какпаса да, чын-чынына келгенде өзүлөрүнүн манаптарынын бийлигине гана баш ийип турушкан. Нарындагы саяк, черик, басыз жана башка уруулар, Таластагы кушчу, саруу, кытай, мундуз уруулары да Ормондун бийлигин тааныган эмес. Ал эми 10 миң түтүн бугулардын бийи Боромбай жыл өткөн сайын Ормондун бийлигин таанымак түгүл, жоолаша баштаган.
Мындай шартта Түндүк кыргыздарынын күчтүү төбөлү болуп эсептелген Ормон Ниязбек уулу кыргыз арасында бийлигин чыңдоо жана кандайдыр бир ийгиликтерге жетишүү максатын ишке ашыруу аракетин кыргыз жергесинде эмес, коңшу казак жеринде жасоону чечти. 1851-жылы кыш мезгилинде ал өзүнө караштуу 600 түтүн сарыбагыш уруусун ээрчитип, Ысык-Көлдүн түндүк жагындагы белди кыйынчылык менен ашып, Ала-Тоонун түндүк-чыгыш тарабына, Иле дарыясынын сол жээгине көчүп келди да, Чарын, Челек өзөндөрүнө кыштамак болду. Бул көчүүнүн себебин Б. Солтоноев мындай деп түшүндүрөт. Кененсарынын чабуулунан кийинки жылдары бугулардын Балбай баатыры Иле, Кулжа, Кашкар, Турпанга жете казак, кыргыз, уйгур урууларынын жылкысын тийип, эр өлтүрүп тынчын алган. Казак уруулары жооп катары бугулар гана эмес сарыбагыштар менен да жоолаша баштаган. Ошого байланыштуу, Ормон «казакты басамын» деп Илеге көчкөн [12]. Бул фактылардын тарыхый чындык экендигине күмөн жок, бирок Ормондун «Илеге жүрүш үнүн» түпкү максаты Балбайга байланыштуу эмес, тек гана шылтоо болгон.
Чынында «Илеге жүрүштүн» негизги мааниси арка кыргыздарында таасирин жогото баштаган Ормон орус бийликтеринин колдоосунда жаңы жерлерди ээлеп, казак уруулары менен чатактарды тынчытып, өзүнө караштуу кыргыз урууларын жаңы жерлерге жайгаштырып, анысы менен өз аброюн көтөрүү, андан кийин, арка кыргыздарын бириктирип, өз алдынча хандык түзүүнүн акыркы далалаттары эле. Ушул ойдо Ормон, уулу Үмөтаалы менен бирдикте 1852-жылы 23-мартта Иледен Орус императору Николай I ге кат жиберген. Катта Иле боюндагы казактардын дуулат, албан урууларынын бир бөлүгү орус букаралыгынан бошонуп, Кокон мамлекетине кире качкандыгына байланыштуу бош калган жерге сарыбагыштардын бир бөлүгү көчүп келгендигин, жазында эгин айдоого кирише баштаганда, калган казак уруулары буга мүмкүнчүлүк беришпегендигин, эгер «ак падыша» туура көрүп, Иленин түштүк тарабын (сол жээгин) кыргыздарга берип калса, анда Күнгөй, Тескей, Чүй, Нарын, Кочкор, Жумгал, ал түгүл, Кетмен-Төбөнүн элин да көчүрүп келерин билдирип, падыша жоопту 20-апрелге, кош чыкканга чейин берсе жакшы болорун, эгер жооп болбосо, кайра көчүп кетишерин билдирген. Каттан орчундуу эки нерсени байкоого болот. Биринчиси, Ормон көчүп келүүнү Орус букаралыгына өтүү деп санабайт жана катта бир да жолу ал жөнүндө айтпайт. Экинчиси, өз бийлигин Орус бийликтери менен тең ата туюндуруп, орус букаралыгынан качышкан дуулаттар менен албандарды «тартипке чакырган» эмгеги үчүн падыша өкмөтүнөн жер бөлүп берүүсүн талап кылган таризде доомат коюп, аны «мындай аракеттерибизге Сиз ачууланасызбы, жокпу, өз эркиңиз» деген сөздөр менен билдирет [13].
Падыша канцеляриясынын кашаңдыгынан катка жооп өтө кеч берилген. Тышкы иштер министрлиги 1852-жылы 3-июлда Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г.Х. Гасфордго кат жолдоп, анда «кара-кыргыздардын ордосунун манабы Ормон Ниязбек уулунун орус өкмөтү менен алдын ала макулдашпай туруп, Иленин наркы жээгиндеги жерлерди ээлеп алгандыгы ээнбаштык» деп эсептелип, анын өтүнүчүн канааттандырууга мүмкүн эместигин, эгер макулдук берилсе, анда кара-кыргыздардын дагы да мындай жерлерди ээлей берүүсүнө жол берилерин жана маселени оң чечүү казактар менен кыргыздардын ортосунда кагылышууну алып келерин эскерткен [14].
Каттын тексти Ормонго жеткен жок. 1853-жылдын жайында гана Г.Х. Гасфорд тарабынан Орус букаралыгында турган Улуу Жүз казактарынын (Чоң ордонун) приставы майор Перемышльскийге «сарыбагыш уруусунун манабы Ормонду, эгер ал Иле өрөөнүнөн тоо этектеп көчүп кете элек болсо, Орусиянын амирине киргизгиле» деген буйругу менен кошо «бизге берилгендигин мурда далилдеген бугулардын башчысы Боромбайдын өтүнүчүн канааттандыруу Ормондун сунушунан маанилүүрөөк, анткени Боромбай кара-кыргыздардын манаптарынын ичинен эң күчтүүсү, 15 миң түтүнгө ээ, ал эми сарыбагыштар 6 миңден ашпайт. Ормондун өзүнүкү болсо 2 миң түтүн гана, анын үстүнө бугулардын жери аркылуу Кашкарга кербен жолу өтөт» деген көрсөтмө келип түшкөн [15].
Орус бийликтеринин Ормон жана Боромбай манаптарга карата мамилесинин мүнөзү жөнүндө көрсөтмө жазылган Гасфорддун катын Перемышльский алаары менен ал атайын отряд түзүп, Файзулла Ногаевдин башчылыгында Иледе турган Ормондун айлына жиберген. Ф. Ногаев Гасфорддун жана Перемышльскийдин каттарын ала келген. Ормон хан орус отрядын жылуу тосуп алган.
Перемышльскийдин Орус падышачылыгынын атынан Ормондун орус букаралыгына өтүүсү жөнүндөгү сунушуна манап ыраазычылык билдиргени менен, түпкүлүгүндө ал Орусиянын карамагына өтүүнү каалаган эмес. Ошондуктан орустар менен мамилени бузбай «ант берүүгө ислам дининдегилер үчүн окумал молдо керектигине жана бул жерде андай инсандын жоктугун шылтоо кылып», ант берүүнү кийинкиге калтырган.
Ормондун 1853-жылдын 10-августунда орус бийликтерине жазган кезектеги катында дагы бир жолу орус приставына ыраазычылык айтып, жакында Пишпек сепилинин начальниги Атабектен «биз орустар менен кармашабыз, ал эми силер болсо белиңерди бекем бууп, даяр болуп тургула» деген кат алгандыгын, ошондуктан «ант берүүгө» бара албастыгын, бирок кат менен кошо ишенимдүү кишисин – Чал Түгөлбаев бийди жиберип жаткандыгын, мурда катта айтылган убадалар күчүндө кала берерин билдирген. Андан ары эгер «сарттардын бузуку иштери токтоп, абал тынчып калса, биз элибизди жыябыз да, жалпы жыйында кеңешип, канчасы Орусия тарапка, канчасы ташкендиктерге баш ийерин билебиз; аны сизге кабарлап туруп, баягы кайра курулган сиздин чепке келебиз да, ант берүүгө даяр болобуз» деген пикирин билдирген [16].
Кокон хандыгы «орустар менен кармашууга даярданып жаткандыгы» жөнүндөгү Ормондун кабары негизсиз айтылган маалымат болгон. Анткени ал мезгилде Кокон хандыгы мындай кадамга баруу эмес, өз ичиндеги саясий кризисти тынчыта албай жаткан болучу. Бул «Ормон опузага окшогон жалган кабарды» айтуу менен, Ормон орус падышачылыгына ант берүүнү кечеңдетүү үчүн шылтоо кылган болуу керек.
Жыйынтыктап айтканда жогорку окуялардан кийин Орусиянын Кыргызстанды каратып алуу өбөлгөлөрү бышып жетилип, эми аны иш жүзүнө ашырыш гана калганын тастыктоого болот.
Биринчиден, Түштүк кыргыз урууларынын башын бириктирүүгө аракеттенген Ормондун далалаты ишке ашпай 1850–54-жылдар анын таасиринин төмөндөп кеткен учуру болчу. Ормон Илеге көчүү менен өз абалын чыңдоого аракеттенсе да, ою ордунан чыкпады, тескерисинче, аброю эл алдында дагы төмөндөгөн. Анын жоктугунан пайдаланган Боромбай, Жантай, Жангарач, Байтик, Чыны сыяктуу белгилүү манаптар өз алдынчалыгын чыңап алышкан, Кокон жана Орусия бийликтерине Ормонсуз эле мамиле түзүүгө аракеттенишкен. Кыргыз урууларынын сепараттык кыймылынын күчөшү бугу-сарыбагыш чабышы сыяктуу ич ара кагылышууларга чейин жеткен. Кыргыздардын мындай ички абалы орус колонизаторлору үчүн эң ыңгайлуу учур болгон.
Экинчиден, Кокон бийлиги Түндүк Кыргызстанда иш жүзүндө шарттуу гана болуп, хан арка кыргыздарынын манаптарынын өз алдынча аракеттерин көзөмөлгө ала албай калган. Бул 1840-жылдары Ормондун өз алдынча хандык түзүүгө болгон далалатынан, Боромбайдын бир эле учурда Орус жана Кытай бийликтери менен алака түзүүсүнөн, Нарындагы, Ысык-Көлдөгү Кокон чептеринин айрымдары жергиликтүү кыргыздар тарабынан талкаланып, ачыктаначык эле Кокон горнизондоруна, зекетчилерге (хан салыгы – зекетти жыйноо үчүн жиберилүүчү атайын отряд) каршы кол көтөрүүсүнөн көрүнгөн. Анын үстүнө Кокон хандыгынын ичинде да саясий кризистер күчөп турган эле. 1842–44-жылдардагы Нүзүп баштаган кыргыз бийлеринин, 1844–53-жылдары Мусулманкул баштаган кыргыз-кыпчак бийлеринин бийлик талашуу күрөштөрүнүн натыйжасында Түндүк Кыргызстанда Кокон бийлигин чыңдоо, орус колонизаторлорунун экспансиясына жолтоо болуу маселелери экинчи орунда калган. Мындай абал Орусиянын Кыргызстанды каратып алуусуна кыйла жеңилдик түзгөн.
Үчүнчүдөн, Орусия өкмөтү тарабынан англо-орус карама-каршылыгынын өөрчүшүнүн натыйжасында ар бир ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен, 1853-жылы Казакстанды каратып алууну аяктоо жана Борбордук Азияны басып алууга ыңгайлуу өңүт түзүү үчүн Оренбург жана Сибирь тилкелерин кошуу ишинин алгачкы кадамы шилтенген. Натыйжада, 1854-жылы падыша өкмөтүнүн Өзгөчө комитетинин токтомунда бул маселе чечилип, бирок аны ишке ашырууга Крым согушу гана кедерги болуп турган.
Ошентип, XIX кылымдын 50-жылдарында Орусиянын Кыргызстанды каратышынын өбөлгөлөрү негизинен калыптанган. Буга Кыргызстандын жана Орто Азиянын ички-тышкы абалы, Орусия империясынын Азияга карата саясатынын өнүгүүсүндөгү ыңгайлуу учур жооп берген. Кокон бийлиги Түндүк Кыргызстанда иш жүзүндө шарттуу гана болуп, Кудаяр хан манаптардын аракеттерин көзөмөлгө ала албай калган. Анын үстүнө Кокон хандыгынын ичинде да саясий кризистер күчөп, мындай абал Орусиянын Кыргызстанды каратып алуусуна кыйла жеңилдик түзгөн.
Эскертүүлөр:
- Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60–90-е гг. Х1Х в.). – М., 1965; Джамгерчинов Б.Д. Очерки политической истории Киргизии Х1Х в. – Ф., 1966; Хасанов А.Х. Экономические и политические связи Киргизии с Россией. -Ф., 1960 жана башкалар.
- Рожкова М.Н. Экономические связи России со Средней Азией (40-е – 60-е гг. Х1Х в.). -М., 1963; Хидоятов А.Г. Из истории англорусских отношений в Средней Азии в конце Х1Х в. (60-е–90-е гг.) -Т., 1969; Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России. – М., 1984 жана башкалар.
- Джамгерчинов Б.Д. Добровольное вхождение Киргизии в состав России. – Ф., 1963. – 123–129-беттер.
- ОБМСТА. – 483-фонду.-62-иш.-176-барак жана анын арты.
- Сапаралиев Д. Элдик кеменгерликтин акыйкаты. Истина народной мудрости. – Б.,1986. – 18–20-беттер. Ошол эле автор. Кем же был первый посол кыргызов в Россию? – СК. – 20.11.1991; Ошол эле автор. Взаимоотношения кыргызского народа с русским и соседними народами в ХVIII в. – Б., 1995. – 117–120-беттер.
- ОТСА. – Башкы архив фонду. – 1–7. 1844–1863. – 1-иш. – 36-барак.
- Солтоноев Б. Кызыл-кыргыз тарыхы. – 1-т. – 195-бет. Талызин А. Памятная книжка Семиреченского областного статистического комитета на 1898 год. – Т.2. – Верный, 1898. – 27-бет; Джамгерчинов Б.Д. Очерки политической истории… – 84-бет.
- ОТСА. – Башкы архив фонду. – 1–7. 1844–1863. – 1-иш. – 1–2-барактар.
- Венюков М. Очерки Заилийского края и причуйской страны… – 140-бет.
- ОТСА. – Башкы архив фонду. – 1–7. 1844–1863. – 1-иш. – 1-барак.
- ОТСА. – Башкы архив фонду. – 1–7. 1844–1863. – 1-иш. – 11–12-б-тар.
- Солтоноев Б. Кызыл-кыргыз тарыхы… – 2-китеп. – 14–15-беттер.
- ОБМСТА. – 38-фонд. – 8-оп. – 19-иш. – 6–9-барактар.
- ОБМСТА. – 38-фонд. – 8-оп. – 19-иш. – 14–15-барактар.
- Плоских В., Үсөнбаев К., Сапаралиев Д. Кол беришүү… – 111-бет.
- ОБМСТА. – 38-фонд. – 8-оп. – 19-иш. – 43–48-барактар.
Англо-орус атаандаштыгы жана Түркстан
ХIХ кылымдын ичинде өнүгүп келген «Чыгыш маселеси» деп аталган ошол мезгилдеги эл аралык татаал маселенин тегерегинде Англия менен Орусиянын кызыкчылыгы тирешип тургандыгы тарыхнаамада белгилүү. Азиянын түштүгүндөгү Индияга окшогон чоң өлкөнү ээлеп турган Англия менен Сибирь, Казакстандын талаалары аркылуу Түркстанга келе жаткан Орусия империясынын келечектеги колониялык объектиси Орто Азия болучу. Орусиянын Орто Азияга жылышы, андагы мамлекеттерди европалык, өзгөчө англиялык саясаттын алкагына киргизген»… жана Орусия менен Англиянын тирешүүсүнө алып келген. Орусия менен Чыгыш өлкөлөрүнүн мамилеси ошентип, эми «мурункудай үйдөгү ички маселенин алкагынан Европа саясатынын кыртышына» чыкты деп белгилейт ошол мезгилдеги Орусия өкмөтүнүн тышкы саясат боюнча билермандары [1]. ХIХ кылымдын ойчулдарынын бири Ф. Энгельс өзүнүн «Орусиянын Орто Азиядагы жүрүшү» деген макаласында англо-орус теңтайлашуусу жөнүндө айтып келип, 1839-жылы Англия менен Орусия экөө тең бир эле мезгилде Орто Азияга армия жиберишкенден кийин бул эки державанын Аму дарыясынын бассейни ченде кагылышуусунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө талаштар жүрө баштады деп жазат [2].
Англо-орус атаандаштыгы, анын 1839-жылы ачыкка чыгышына чейин эле башталган болучу. 1816-жылы Непалды, 1825-жылы Ассамды басып алгандан кийин, Англия Ооганстанга жана Орто Азияга карата колониялык экспансиясын активдештирүү максатында өзүнүн агенттерин жиберген. Ошол эле учурда 1830-жылы Трапезундда Англия консулдугунун ачылышы менен, түштүк Кавказ аркылуу англиялык товарлар Түркстанга келе баштаган. 1833-жылы Ункияр-Искелесиндеги орус-түрк келишиминен кийин Англия колониялык саясатын дагы да активдештирди. Соода конкуренциясында Англиянын ийгилиги айкын көрүнүп, Орусия чыгыш рынокторун биринен сала бирин жогото баштады. К. Маркс мурун Англия империясынын чегине чейин жетип турган орус соодасы эми өзүнүн коргонуу чөлкөмдөрүнө чейин сүрүлүп калгандыгын жазат [3].
Крепостнойлук мамилелердин кризистеринин натыйжасында тарыган ички рынокту кеңейтүү, сооданы өнүк түрүү менен Орто Азияда саясий таасирин күчөтүү максатында Орус падышачылыгы 1836-жылы Азия өлкөлөрү менен сооданы өнүктүрүү иш-чараларын иштеп чыгуу үчүн атайын Комиссия түзгөн. Комиссия Азия өлкөлөрү менен соода жүргүзүүчү түрдүү акционердик компанияларды уюштурууга аракеттенип, орус көпөстөрүнө жеңилдик берүүнү сунуш кылган. Ал түгүл финансы министри Е.Ф. Канкрин 4 миллион рублдик капиталы менен «Орус-Азия компаниясын» уюштурган [4]. Соода атаандаштыгында ийгиликке жетүүнүн эки жолу бар эле; биринчиси – империянын чек араларын кеңейтүү; экинчиси – Орто Азиянын хандыктары менен саясий мамилелерди өнүк түрүү керек болучу.
Орус чек арасын кеңейтүүгө карата болгон Оренбург губернатору В.Перовскийдин аракеттери [5] менен катар эле падыша өкмөтү Орто Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүгө аракеттене баштаган.
Буга 1835-жылы В. Перовскийдин адъютанты, поручик И.В. Виткевичтин Бухарага, андан ары Кабулга барышы, афган эмири Дост-Мухаммеддин Петербургга келиши күбө.
Бирок, Орусиянын мындай тышкы саясаты Англиянын бүйрүн кызыткан. Ошондуктан 1836-жылы Англия өкмөтү Индиянын генерал-губернатору Оклэндге Ооганстан маселесине чечкиндүү киришүү керектигин эскерткен. Ошол эле жылы Индиядан Бухарага жашыруун эмиссар жиберилген. Анын максаты Түркстанда англичандардын соода таасирин күчөтүү жана ошону менен Орто Азияны өз тарабына тартуу эле. Орус падышачылыгы буга жооп кылып, 1839-жылы октябрда майор Е.П. Ковалевский менен капитан А.Р. Гернгроссту англиялык товарлардын сапатын билүү, Орусиянын Аму-Дарыясынын түштүк жээктерине чейин соода жүргүзүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө максаты менен Оренбургдан Бухарага жиберген [6]. «Орусиянын Индияга жүрүш жасоо коркунучу туулду» деген пикирди эл аралык деңгээлде көтөргөн Англия «өз кызыкчылыгын коргоо зарылдыгын бетке кармап, 1839-жылы жаз айларында Ооганстанга басып кирген. Муну менен Англия Түркстанды каратууга ыңгайлуу өңүт түзүүнү максат кылган. Август айында Кабул, кийин Кандагар менен Газна багындырылып, Ооганстандын шахы Дост-Мухаммед качып кеткен [7].
Ал мезгилде Англиянын саясатчылары англо-орус тирешүүсү согуштук кагылышка алып келет деп ишенишкен. Мисалы, 1840-жылы Англиянын тышкы иштер боюнча жетекчиси лорд Пальмерстон: «Эртеби-кечпи казак (казак-орус жөнүндө айтып жатат) менен сипай (Индиядагы англис солдаты) Орто Азияда жолугушат. Мунун биздин индиялык ээликтерибизден мүмкүн болушунча алысыраак жерден өтүшүнө бардык күчтү жумшашыбыз керек» деп эскерткен [8]. Бул максатта активдүү иштер жүрүп жатты. Англичандар Орусияга каршы үгүт иштерин жүргүзүү максаты менен Орто Азияга бир топ агенттерди: Коконго Коннолини, Бухарага Стоддартты, Хивага Абботту жана Шекспирди жиберген [9].
Англиянын Ооганстанга басып кириши Орусиянын төбөлдөрүн да Түркстанды ээлөөгө умтулушун күчөткөн.
Николай Iнин макулдугу менен Оренбург губернатору В.А.Перовский баштаган 5 миң орус солдатынан турган аскер эскпедициясы Хивага каршы 1839-жылы кышында согуштук жүрүш уюштурган. Расмий документтерде бул жүрүштүн максаты Орто Азияда соода үстөмдүгүн орнотууга аракеттенген Англияга каршы багытталып, Түркстанда Орусиянын таасирин күчөтүүгө умтулган деп түшүндүрүлөт.
Начар даярдалган бул жүрүш, Англиянын экспедициясындай эле, ийгиликке жеткен эмес. Кышкы суукта армиянын жарымын жана коштогон обоздун үчтөн экисин жоготкон В. Перовский Хивага жетпей эле артка кайтууга аргасыз болгон.
1839-жылы болгон Англиянын жана Орусиянын согуштук аракеттеринде кандайдыр бир диалектикалык карама-каршылык да, ошол эле учурда биримдик да болгон. Түркстанды басып алууга аракеттенген бул өчүгүшкөн эки державанын максаттары башка-башка болгону менен, аны аткаруу ыкмасы, согуштук акциялардын мүнөзү, мөөнөтү жана негизи бир экендигин Лондондогу орус элчиси Ф.И. Брунновдун Орусиянын тышкы иштер министри К.В. Нессельродеге жиберген билдирүүсүндө айтылган. Ал ошол кездеги Европадагы эл аралык мамилелерде Англия менен Орусиянын ана башчы ролу ачык көрүнүп калган мезгилде согуштук акциялар башталды, ошондуктан англо-орус мамилелеринде «европалык жана азиялык саясат, эки саясатты эмес, бир саясатты» түзөт деп жазат[10]. Ушул пикирди толуктоо үчүн Лондондогу «Таймс» газетасында келтирилген дагы бир пикирди айта кетүү ылайыктуу. «Орусиянын саясаты биздикине өтө окшош. Орусиянын Чыгыштагы өз миссиясын коомчулукка түшүндүрүүсү биздикиндей эле. Орусия максатыбыз – соода жана цивилизация, ал эми саясатыбыз – согуштук басып алуу эмес, чет-жакалардагы чөлкөмдөрдү бириктирүү деп жарыялап жатат. Ушундай эле сөздөрдү биз да айтпадык беле…» деп белгилейт «Таймс» газетасы [11]. (Орусия апологеттеринин жогоруда айтылган «чөлкөм дөрдү бириктирүү» жөнүндөгү пикирлери совет тарыхнаамасындагы теорияларга үндөшүп тургансыйт.)
1839-жылкы ийгиликсиз аракеттер Англияны да, Орусияны да эсине келтирген жок. Колониялык басып алууга көзү тунарган эки держава экспансиялык аракеттерин уланта беришкен.
Орусиянын 1846-жылы Улуу Жүз казактарын каратып алуусу орус-кокон мамилелеринин курчушуна алып келген. Орус аскерлери 1847-жылы Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында Раим чебин, Жети-Сууда Копал чебин курушкан. Бул эки чеп Оренбург жана Сибирь тилкелеринин эң түштүктөгү чекиттерин түзүп, кийинки жылдардагы жүрүштөрдү уюштурууга ыңгайлуу өңүттөргө айланган.
Аталган чептердин курулушу Кокон хандыгынын ошол кездеги миңбашысы Мусулманкулдун жинин келтирген. Ал 1847-жылы Петербургга хандын расмий нааразылык каты менен кошо элчилик жөнөткөн. Бирок элчилерди Омбудан тосуп алган. П.Д. Горчаков: «…чыңдоолор сооданы өркүндөтүү үчүн гана курулду. Орусия Коконго душмандык кылбайт», – деп аларды алдап, белек-бечкек тартуулап, Петербургга баруунун зарылчылыгы жок экендигин эки жүздүүлүк менен ынандыра, кайра Коконго кайтарып жиберген. Бул ишке ызырынган Мусулманкул Орусия менен мамилени таптакыр үзгөн [12].
Жети-Суу аймагында Кокон хандыгы курган сепилдер Орусия менен Кашкардын ортосундагы соода жолун тосуп турган. Батыш Сибирь генерал-губернатору П.Д. Горчаков орус өкмөтүнүн тышкы саясатка залалын тийгизбей тургандай кылып аракеттене бериңиз деген көрсөтмөсүнө ылайык кербен жолду ачууну көздөгөн [13]. Петербургдун мындай этияттыгы 1848-жылы Батыш Европада болуп жаткан революциялык кыймылдарга, Кавказдагы Шамилдин көтөрүлүшүнө байланыштуу келип чыккан. Падышачылык Орто Азиянын хандыктарынын баарын кавказдыктар сыңары Орусияга каршы коюп алуудан чочулап, чечкиндүү аракеттерди жүргүзүүдөн азырынча баш тарткан.
Кокондуктардын орус бийликтерине нааразычылыгы Копал чебин чыңдоого түрткөн. Орус өкмөтүнүн мындай кадамы чек арада көчүп жүргөн казак урууларына көз арткан Кытай бийликтеринин да бүйүрүн кызыткан. Аларга тышкы иштер министри К.В.Нессельроде: «казактар биздин букаралар, аларга кокондуктар кысым көрсөткөндүктөн, Копал чеби курулган. Чеп Кытайга коркунуч туудурбайт», – деген жооп айткан [14]. 1851-жылы Кулжада келишим түзүлүп, Орус-Кытай мамилесинин жакшырышы Орусиянын Түркстанды каратуу мүдөөсүнүн ишке ашышына ыңгайлуу болгон.
ХIХ кылымдын ортосунда Оренбургда, Москва жана Петербургда орус өкмөтүнөн Орто Азия хандыктарына карата чечкиндүүлүктү талап кылган пикирлер көбөйө баштагандыктан, 1853-жылы Оренбург генерал-губернатору В. Перовский Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы кокон чеби Ак-Мечитти караткан [15].
Орусия мындан кийин Улуу Жүздө таасирин күчөтүүгө аракеттене баштаган. Натыйжада подполковник М.Д. Перемышльскийдин башчылыгындагы отряд жүрүшкө чыгып, 1854-жылы Алматы суусунун жээгинде Верный чыңдоосу курулган. Ал жерде аскер гарнизону жайгашып, Улуу Жүзгө көзөмөлдүк кылуучу пристав орношкон. Ушундан кийин жаңы чыңдоолордун тизими казак жүздөрүн бириктирип, ошол эле учурда болочокто Оренбург жана Сибирь тилкелерин бириктирүү ишинин алгачкы кадамы ташталган [16].
Казакстанды толук багындыруу жана Орто Азияга басып кирүүгө ыңгайлуу өңүттөрдү түзүү үчүн Перовский фортунан баштап Верный чыңдоосуна чейин чептердин тизимин куруп, Оренбург-Сибирь тилкесин кошууну аяктоо чечими 1854-жылы падыша өкмөтүнүн Өзгөчө Комитетинин токтомунда бекитилген [17]. Бирок, аны ишке ашыруу Крым согушунун жүрүшүнө байланыштуу убактылуу токтотулган.
Крым согушу мезгилинде Орусия үчүн Англия сөөк өчтү душман деп саналган. Ошондуктан ушул жылдары аскер ишмерлери Англияга, анын чыгыш ээликтери тараптан сокку берүү керек деген пикирлерди көп айтышкан. Генерал-лейтенант Хрулев: «Англия менен Азия үчүн согуш болбой койбойт», – деп жазат. Торнау, Дюгамель, Бларамберг сыяктуу генералдар да ушундай эле пикирде болушкан [18]. Бирок ал ойлор иш жүзүндө кийин аныкталган жок.
Чынында, Крым согушунан жеңилип, алсырап калган Орусия 1850-жылдардын экинчи жарымындагы тышкы саясатта, айрыкча Европада, активдүүлүгүн жоготуп, көңүлүн ички түзүлүшкө буруп калган болчу. 25 жыл тышкы иштер министри болуп иштеген, эл аралык аброю зор, падышага да таасири бар саясий ишмер А.М. Горчаков согуштан кийинки абалды сүрөттөп келип, «Орусиянын башкы көңүлү ички өнүгүүгө бөлүнүүсү тийиш, ал эми тышкы саясат мына ушул негизги милдетке баш ийүүсү зарыл» деп белгилейт [19]. ХIX кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымындагы жана 60-жылдардагы эл аралык мамилелерде Орусия үчүн негизги маселе – Кара деңизде флот кармоого жана сепилдерди курууга тыюу салган Париж келишиминин (1856) чектөөчү статьяларын жоюу болучу. Бирок, Англиянын Орто Азиядагы тынымсыз экспансиялык аракеттери Орус империясынын Түркстанга болгон колониялык кызыгуусун күчөткөн.
Көрүнүктүү аскер ишмери генерал-майор Бларамберг 1857-жылы «Европа башка державалардын атаандашуусуна байланыштуу биз үчүн жабык» деп көрсөтүп, көңүлдү Азияга бурууну сунуш кылган [20].
Ошол жылдары басма сөздө, публицистикалык эмгектерде Орто Азияга кантип жылуунун багыттары, каражаттары жөнүндө түрдүү сунуштар киргизилген [21]. Алардын кай бирлери император тарабынан да көңүлгө алынган. Мисалы, 1856-жылы декабрда Кавказ наместниги А.И. Барятинскийдин 1857-жылы Каспий менен Арал деңизинин аралыгындагы чөлкөмдө темир жол салуу үчүн изилдөө ишин жүргүзүүгө экспедиция уюштуруу керек деген сунушу император Александр II тарабынан жактырылган. Бирок Түркстан элдерин чоочутуп албоо үчүн «ыңгайлуу учурга» чейин бул курулуш токтотулуп коюлган [22].
Тышкы иштер министрлигинин Крым согушунан кийинки чечимдери Европада гана эмес, Азияда да эл аралык мамилелерди жакшыртуу менен изоляциядан чыгууну көздөгөн. Ошондуктан А.М.Горчаков Оренбург тилкесинин командачысына Орусиянын кызыкчылыктарын коргоодо өтө этият болууну сунуш кылган [23]. Ошентип, 50-жылдардын экинчи жарымында Орусия өкмөтү Түркстанга согуштук чабуул жасоонун ордуна, аны саясий-экономикалык жактан изилдөө керек экендигин негизги милдет катары санап калган.
Мына ушул максатты ишке ашыруу жана Англиянын Орто Азиядагы таасирин басаңдатуунун жолдорун издөө үчүн 1858-жылы Орто Азияга үч миссия жөнөтүлгөн [24]. Н.В. Ханыков Герат жана Чыгыш Иранга илимий экспедицияга; Н.П. Игнатьев Хива жана Букарага элчиликке; Ч.Валиханов Кашкарга чалгынга жиберилген. 1856–61-жылдары тышкы иштер министрлигинин Азия департаментин башкарган көрүнүктүү ишмер Е.П. Ковалевский бул экспедицияларды түздөн-түз жетектеген. 1858–59-жылдардагы экспедициялар орус өкмөтү үчүн Орто Азия мамлекеттеринин эли, алардын тарыхы, каада салты, маданияты жөнүндө кеңири материалдарды топтоп, орус колонизациясынын кийинки жылдардагы жү рүштөрүнө табылгыс маалыматнаама болуп берген. Ошону менен катар Англиянын Түркстанды басып алуусунун кеңири пландары бар экендиги да далилденген. Бул миссиялардан кийин Орто Азия хандыктары менен мамиле бир аз жакшырган. Бирок, Кокон хандыгы менен мамиле мурункудай эле кала берген.
Оренбург генерал-губернатору А. Катенин 50-жылдардын ортосунан баштап Кокон хандыгына карата чечкиндүү аракеттерге өтүүнү бир нече жолу сунуш кылган. Азия департаментинин директору Н.П. Игнатьев 1861-жылы тышкы иштер министри А.М. Горчаковго Коконго карата мамилени курчутуу менен «Англиянын кызыкчылыгына жок дегенде бир жолу жан оорутарлык сокку берип коюу» зарыл деп жазган [25]. Игнатьевдин бул оюн аскер кызматкерлери, Түркстанга тиешеси бар жер-жерлердеги бийликтер, москвалык көпөстөр жана ишкер адамдар колдоп чыгышкан. ХIX кылымдын 50-жылдарынын акырында Орусияда пайда болгон бул пикирлерди аскер ишмери, тарыхчы Л. Соболевдин сөзү менен жыйынтыктоого болот. Ал: «Орусия Орто Азияда канчалык күчтүү болсо, Англия Индияда ошончолук алсыз жана Европада ошончолук тил алчаак болот», – деп жазат [26].
1860-жылдардын башында англо-орус атаандаштыгы Улуу Британиянын Ооганстандагы активдүү саясаттарынан улам күчөп кеткен. Бул Орусиянын Түркстанды басып алуу планынын иштелип чыгышын тездеткен. Азия департаментинин директору Н.П. Игнатьев: «Биздин батыш жана чыгыш саясатыбыз бири-бирин толуктап, бир багыт менен бир максатка жетүүсү зарыл», – деп көрсөтүп, согуш министри менен тышкы иштер министринин ашкере пассивдүүлүгүн сынга алган [27]. Ушуга байланыштуу, 1863-жылдын февралында Өзгөчө комитеттин, министрлердин, Оренбург, Батыш-Сибирь генерал-губернаторлорунун биргелешкен кеңешмесинде Оренбург жана Сибирь тилкелерин бириктирүү максатка ылайык деп табылган. Император март айында бул маселе боюнча тиешелүү көрсөтмө берген жана 1864-жылы согуш операцияларын баштоону чечкен [28].
1863-жылдын декабрь айында Александр II тарабынан Орусиянын Түркстанды каратышын активдештирүү [29] иш-чаралары бекитилген. Натыйжада борбордук «Голос» газетасынан башкасынын баары бул чечимди колдоп чыгышкан [30]. Бул Орусиянын Түркстан саясатында пасс ивдүүлүктөн согуштук аракеттерге өткөн «саясий-стра тегиялык» себептердин үстөмдүгү менен келип чыккан жаңы бурулуштун башталышы болуп эсептелген.
XIX кылымдын биринчи жарымындагы Орусиянын Орто Азияга болгон көз артуу саясатына жалпы сереп салсак, төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот.
Биринчиден, Орусиянын Түркстанга, анын ичинде Кыргызстанга болгон көз артуусу ХIХ кылымдын 30-жылдарынан эле башталып, бул жерлерди келечектеги колониялоочу объект катары кароого багыт алынган. Бирок, кийинки жылдары Кокон хандыгынын 1820-жылдардын ортосунан 40-жылдардын экинчи жарымына чейинки Түндүк Кыргызстандагы саясатынын активдештирилишине байланыштуу Орусия бул жерлерди колониялоо максатындагы басып алуу саясатын токтотуп койгондой көрүнгөнү менен анын генералдык багыты өзгөрүлгөн эмес. Орусиянын Кыргызстанды болочоктогу колониялык объект катары карашы кылымдын ортосунда, айрыкча Крым согушу мезгилинде кайрадан активдештирилип, аны ишке ашыруу үчүн 50-жылдардын ичинде бир катар чечимдерди кабыл алган.
Экинчиден, падышачылыктын ар бир кадамы англоорус атаандаштыгынын орчундуу бурулуштарына карата шилтенген. Бул жерде орус өкмөтүнүн басып алуучулук активдүүлүгү Англиянын колониялык экспансиясынын өнүгүү темпине жооп катары Түркстан чөлкөмүн андан озунуп ээлеп алуу максаты менен жүргөн. Орусиянын түпкү максаты Орто Азияны басып алуу болгону менен, аны ишке ашыруунун конкреттүү пландары ХIХ кылымдын 50-жылдарынын аягына чейин өкмөттүн колунда болгон эмес. Ошондуктан кай бир логикасы жоктой көрүнгөн аракеттер ар бир учурдагы шартка жараша кабыл алынган түрдүү чечимдер менен коштолгон.
Үчүнчүдөн, Түркстан Орусия үчүн саясий себептер үстөмдүк кылган саясий-экономикалык кызыкчылыктардын комплексинин объектиси болуп, англо-орус колониялык атаандашуусунун чордонунда өөрчүп олтурган да, аны чечүүнүн өбөлгөлөрү XIX кылымдын 30–60-жылдарында даярдалып бүткөн.
Эскертүүлөр:
- АВП РФ. -1У-34 Баш архив фондусу. -145-оп. -1-иш. – 18311875-жж. – 404-барактын арты.
- Маркс К.,Энгельс Ф. Чыг. 2-бас.(орусчасы).-Т.12. – 614-бет.
- Маркс К.,Энгельс Ф. Чыг. 2-бас.(орусчасы).-Т.19. – 13-бет.
- История СССР с древнейших времен до наших дней в 12 томах.-Т.4.-М.,1967. – 502-бет.
- Ошол жылдары орус бийликтери тарабынан Кененсарыга каршы тез көчмө отряддарды (летучий отряд) жиберип гана турбастан, В.Перовский Оренбург жана Сибирь тилкелерин бириктирүү максатында казак талааларында батыштан чыгышты карай созулган 6 фут бийиктиктеги топурак чеп-тилкесин курдура баштаган. 1836жылы анын узундугу 18 чакырымга жеткен. (Караңыз: Терентьев М.А. Россия и Англия в Средней Азии… – 11-бет.)
- Жуковский С.В. Сношения России с Хивой за последнее трехсотстолетие. // Труды общества русских ориенталистов.-Пг., 1915. – № 2. –109, 112–113-беттер.
- Англичандар Ооганстанда көпкө тура алышкан жок. 1840жылы күзүндө бул жерде колонизаторлорго каршы көтөрүлүш башталып, натыйжада Индияга карай качкан Англиянын 9,5 миң регулярдык аскеринен жана 38 миң кызматчыдан турган экспедициялык корпусунан Хайбар капчыгайына жеткенче бир да адамы тирүү калган эмес. (Караңыз: Терентьев М.А. Россия и Англия в борьбе за рынки.-СПб.,1876.-251-бет.)
- Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом, Китаем и Россией.Б.,1995.-65-бет.
- Терентьев М.А. Россия и Англия в борьбе…-251-бет.
- АВП РФ.-1-9-Башкы архив фонду.-8-оп.-14-иш.-16-барак.
- Вестник Европы (Мындан ары ВЕ).-СПб., 1968.-Т.3.-№ 6.807-бет.
- АВП РФ.-ТИМдин отчеттору фонду.-1847-жыл.-214-215барактар.
- АВП РФ.-ТИМдин отчеттору фонду.-1850-жыл.-205-206барактар.
- АВП РФ.-ТИМдин отчеттору фонду.-1850-жыл.-184, 190-барактар.
- АВП РФ.-ТИМдин отчеттору фонду.-1853-жыл.-197-барактын арты, 198, 202-барактар.
- Терентьев М.А. Россия и Англия в Средней Азии.-СПб., 1875.-16-бет.
- Лобысевич Ф.Л. Поступательное движение в Среднюю Азию в торговом и дипломатическом отношениях. -СПб., 1900.-123-бет.
- Киняпина Н.С. жана башкалар. Кавказ и Средняя Азия…255-бет.
- Доклад А.М.Горчакова – Александру II 3 сентября 1865 года.//Красный архив,1939-жыл.-№ 2(93).-108-бет.
- Киняпина Н.С. жана башкалар. Кавказ и Средняя Азия…257-бет.
- Киняпина Н.С. жана башкалар. Кавказ и Средняя Азия…257-бет.
- Халфин Н.А. Политика России в Средней Азии (1857-1868).-
М., 1960.-66-67-беттер.
- АВП РФ.-ТИМдин отчеттору фонду.-1856-жыл.-279-барактын арты.
- Киняпина Н.С. жана башкалар. Кавказ и Средняя Азия…256-269-беттер.
- Орусия Федерациясынын Борбордук мамлекеттик архиви (Мындан ары ЦГА РФ).-730-ф.-1-оп.-507-иш.-78-барак.
- Соболев Л.Н. Страницы из истории Восточного вопроса.
Англо-афганская распря.-СПб., 1882-1885. -Т.1-4. (Караңыз: Т.1.45-бет.)
- ЦГА РФР.-730-ф.-1-оп.-507-иш.-15-барак жана анын арты.
- Орусия Федерациясынын Борбордук мамлекеттик согуштуктарыхый архиви (Москва, Мындан ары ЦГВИА РФ.)-483-ф.-62-иш.176-барак жана анын арты.
- Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии…-153-бет.
- Дмитриев Г.Л. Подготовка присоединения Средней Азии…47-48-беттер.
Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүнүн Орус империясына каратылышы (1855–1868)
Орусиянын Кыргызстанды каратуу жараянын айтуудан мурун ага байланышкан терминдерге маани берүү зарыл. ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы изилдөөлөрдө жана тарыхый булактарда негизинен «жеңип алуу», «басып алуу» (завоевание), «каратуу» (покорение) терминдерин колдонуп келишкен. ХХ кылымдын 50-жылдарында «кошулуу» (присоединение) термини колдонулган. Бирок, 60-жылдардын башында советтик-тоталитардык системанын идеологдору «ыктыярдуу биригүү» терминин окумуштууларга ыктыярсыз таңуулаган. Ал эми 80-жылдардын аягынан баштап жана ушул кезде изилдөөчүлөр «букаралыгын таануу», «букаралыгын алуу», «букаралыгына өтүү» (принятие подданство), «ыктыярдуу букаралыкка өтүү» (добровольное принятие подданство), «кошулуу» (присоединение, воссоединение), «биригүү» (вхождение), «ыктыярдуу биригүү» (добровольное вхождение), «каратуу» (покорение) деген түшүнүктөрдү колдонушууда. Акыркы изилдөөлөрдө жана окуу китептеринде негизинен «каратуу» , «кошуп алуу» же «кошулуу» терминдеринин колдонулушу басымдуулук кылат. Аталган терминдердин ичинен «каратуу» термининин чындыкка жакын экендигин тарыхый фактылар жана булактар тастыктап тургандыгын мындан аркы 3 параграфта далилдөөгө болот.
Орусиянын Кыргызстанды каратуу жараянын окупүйрөнүүдө «каратуунун мезгилдерин жана баскычтарын» так билүү маанилүү. Бул маселе мындан мурунку тарыхнаамада, атүгүл совет тарыхнаамасында 60-жылдарга чейин атайын каралган эмес. Орусиянын Кыргызстанды каратуу жараянынын мезгилдерин алгачкы жолу академик Б. Жамгырчинов сунуш кылды. Тарыхый окуяларга негизделген эки мезгил: 1855–1867 жана 1868–1876-жылдар илим жамаатында мурунтан эле белгилүү болучу. Бирок, 60-жылдардын башында Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчилиги мажбурлоо менен коомдук пикирге 1863-жылды кыргыз элинин Орусияга «ыктыярдуу биригишинин» жылы катары киргизди. Ошентип, тарых логикасына туура келбеген, же ары эмес, же бери эмес, беймаалым чек калыптанган. Ошону менен бирге Кыргызстандын түндүгү 1863-жылга чейин эле Орусиянын курамына кирген деген көз караш кыргыз тарыхнаамасынан бекем орун алып калган. Бул пикирге көрүнүктүү аалым Б. Жамгырчинов да айласыздан кошулган. Кыргыз тарыхнаамасында саясий конъюктуранын күчү менен бекем калыптанган бул пикир Кыргызстандын тарыхы боюнча 1986-жылкы акыркы академиялык чыгарылышка, атүгүл «Кыргызстандын Орусияга ыктыярдуу биригишинин 125 жылдыгына» арналган Кыргызстандын ири шаарларындагы 1988–89-жылдарда болуп өткөн илимий конференцияларга чейин жашап келди. 1990-жылы январда Бишкекте кыргыз жаш тарыхчыларынын жамааты уюштурган «Тарыхка тактык керек же кыргыз урууларынын Орусияга кошулушу тууралуу» аттуу төгөрөк столдон кийин Кыргызстандын Орусияга каратылышынын мүнөзү жана баскычтары олуттуу тескеле баштады. Буга жаңы көз караштагы бир топ макалалар, китепчелер, монографиялар күбө.
Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратуу жараяны негизинен 13 жылда (1855–1868) ишке ашкан. Аталган 13 жылдык жараянды өз алдынча дагы үч баскычка бөлүп кароо Орусиянын Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратышынын өбөлгөлөрүн, себептерин, ички жана тышкы факторлорун тагыраак түшүнүүгө жардам берет. Баскычтардын биринчиси 1855–57-жылдарды, экинчиси – 1858–63-жылдарды, ал эми үчүнчүсү – 1864–68-жылдарды камтыйт. Алардын негизги мүнөздүү белгилери болуп бугу уруусун Орусияга каратууга байланыштуу Кыргызстандын түндүгүндөгү саясий абалдын 1855–57-жылдарда бугу-сарыбагыш чатагынын тегерегинде өнүгүп, Ысык-Көл ойдуңунда Орусиянын таасирин бекемдөөгө багытталган аракеттер менен гана чектелиши, 1858–63-жылдарда болсо каратуу иши салыштырмалуу пассивдүү болсо да куралдуу басып алуу менен коштолгондугу, ал эми 1864–1868-жылдар куралдуу кагылыштар менен коштолгон каратуунун шарттарында орус бийлигинин Кыргызстандын түндүгүндө иш жүзүндө орнотулушу эсептелет.
Орусиянын келечектеги колониялануучу объектиси катары Кыргызстанды каратуу кандай ыкмалар менен ишке ашырылгандыгы тарыхнаамада олуттуу мааниге ээ. Падышачылыктын чыгыш элдерин каратуусунда эки ыкма колдонулгандыгын белгилөөгө болот. Биринчиси – келишим, бүтүмдөр аркылуу тынчтык жолу менен; экинчиси – чөлкөмдүк басып алуу, согуштук, зордук жолдору менен. Иш жүзүндө аталган эки ыкма бир беткей колдонулган эмес. Тигил же бул ыкма тигил же бул кырдаалда үстөмдүк кылганы менен, чынында Түркстандын, анын ичинде Кыргызстандын, шартында аталган эки ыкма тең орун алган. Мисалы, ХVIII кылымдын аягынан ХIХ кылымдын ортосуна чейинки орус-кыргыз соода, элчилик байланышын түзүүдө Орусиянын Кыргызстанды басып алуусунун зарыл өбөлгөлөрү калыптанган да негизинен биринчи ыкма (модель) колдонулса, ХIХ кылымдын 50–60-жылдары Орусиянын Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратып алышында ыкмалардын экөө тең колдонулган. Ал эми ХIХ кылымдын 70-жылдары Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүн каратууда экинчи ыкма үстөмдүк кылган.
Эми Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратуу жараянын баяндоого өтөлү. 1850-жылдардын башында түзүлгөн кырдаалдан жана 1853-жылы Илеге көчүп кеткен Ормондун жоктугунан пайдаланып, Боромбой баштаган бугу бийлери: Койчубек Шералы уулу, Мураталы Бирназар уулу, Ажыбай Шапык уулу, Сарыбек Сасыке уулу, Семек-Атаке Бикумин жана Балбай Эшкожо уулу сыяктуу көлдүк манаптар ошол жылы Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г.Х. Гасфордго кезектеги катын жиберишкен. Катта Кокон бийликтеринин кысымы кабарланып, ошого байланыштуу бугулардын орус букаралыгына өтүүсүн ырастаган расмий «ант берүү» салтанатын Омбуда өткөрүү маселеси коюлган. Орус өкмөтү бул суроого оң жооп берип, бул чечим Боромбайдын айлына 1854-жылы июнь айында жеткен. Боромбай татаал саясий кырдаалда чечкиндүүлүк кылып, ошол жылы 10-июлда бугулардын манаптарынын атынан Омбуга ишеним кат менен кошо Койчубек Шералы уулун жөнөткөн.
Ушул арада кыргыз элинин тарыхындагы кайгылуу окуя – бугу-сарыбагыш чабышы башталып кеткен. Ормон хан мурунтан эле өзүнүн хандык бийликке умтулуусун күчөтүп келгендиги маалым. Бугулардын манабы Боромбайды өзүнүн кудасы болсо да, баш ийбегендиги үчүн аны атаандаш душманы катары эсептечү. Ошондуктан Ормон бир жагынан Кокон бийлигине ишенип, Ысык-Көлдүн түштүк жээгин, Тескей Ала-Тоону, Сыртты, айрыкча, Боромбайдын жайлоосу Кызыл-Үңкүрдү тартып алууну көздөп жүргөн. Акыркы изилдөөлөргө караганда бугусарыбагыш чабышынын себептери саясий атаандашуу, тагыраак айтканда, Ормондун хандык бийлигин бекемдөө аракети менен кыргыз урууларынын «өз алдынчалыгына» карама-каршы келген Орусиянын курамына өтүү тенденцияларынын тирешүүсү болгон. Чабыштын себептери негизинен саясий факторлор болгондугун башка изилдөөлөр да ырасташат [1]. Санжыралык материалдарда бугу-сарыбагыш чабышынын шылтоосу Ормондун 1853-жылы кеч күздө Иледен Ысык-Көлдүн түндүк жээгине жайланышкан эзелки конушу Байсоорунга көчүп келишин кудасы (ошол эле учурда саясий атаандашы) Боромбайдын 1854жылы эрте жазда өрүлүктөп келген мезгилиндеги ордо оюнунан чыккан чатак, Ормондо кызмат кылган саяк манабы Алыбек Кетирекей уулунун Боромбай тарапка жан тартып кетиши эсептелет.
1854-жылы июлдун акырында Ормон хан 600 жигити менен Боромбайдын айылдарына чабуул койот. Чабуулдун башталышында эле жарадар болгон Ормон хан өлгөн. Боромбай 1855-жылы 18-июлда дагы бир жолу бугу-сарыбагыш чатагы жөнүндө орус бийликтерине кат жазып, анда буга чейин эле жаңжал жөнүндө бир ирет аларга билдиргенин, бугулар Орусияга элчи жиберер алдында Ормон кол салып, бирок анын өлүмгө учурагандыгын маалымдаган. Бул маалыматты П.П. Семеновдун эскерүүлөрү да ырастайт [2].
Бугу-сарыбагыш чабышынын 1854–55-жылдардагы окуяларында бир элдин эки уруусунун көптөгөн бейкүнөө адамдарынын набыт болгондугу, айылдардын таланып-тонолуп, чарбанын бүлгүнгө учурагандыгы, бугу уруусунун Текеске, Кашкарга качкандыгы тарыхый булактардан, элдик оозеки чыгармалардан, изилдөөлөрдөн белгилүү. Чабыштын өнүгүүсүнө сереп салууда ошол жылдардагы түндүк кыргыз урууларынын саясий абалында төмөнкүдөй тенденцияларды байкоого болот.
Бугу-сарыбагыш чабышынын алгачкы 1854–55-жылдардагы жүрүшүнүн кандуу жыйынтыктары эки уруунун түшүнүктүү өкүлдөрүнүн демилгеси менен элдешүүгө болгон аракеттерине алып келген. Мисалы, 1854-жылы күздөгү «чоң согуштун» алдында «жараш сөзгө» бугу уруусунун манабы Солтонкул, саяк уруусунан Алакөз, сарыбагыш уруусунан Калыгул Бай уулу менен Шамен манап чыккан. Элдешүүнүн экинчи аракети кийинки жылы казак элинин кызыл бөрк уруусунун бийи Тазабектин демилгесине таандык. Бирок, «журт бололу» деген бүтүмдөрдү Балбай, Төрөгелди сыяктуу «согушчан» манаптар улам бузуп жиберип турушкан. Ошондуктан чабыш уланып, тирешкен эки уруунун манаптары 1855-жылы бугу-сарыбагыш чатагына казак урууларын, алардын төбөлү Тезек төрөнү да аралашууга түрткөн. Анын жигиттери Балбайдын 1855-жылкы сарыбагыштарга каршы жүрүшүнө жардам берген.
Бул кандуу кармашты коңшу уруулар колдогон эмес. Мисалы, 1854-жылы кеч күздө Үмөтаалы Ормон уулу сарыбагыш уруусунун тынай тобунан башка бардык уруктарынын, саяк уруусунун курманкожо, кулжыгач, чоро уруктарынын манаптарын чакырып, бугуларга каршы кармашты уланта берүүнү чечкен. Сарыбагыштар тарабында чабышка кирүүгө тынай тобунун манабы Жантайды, солто манабы Жангарачты тартууга аракет болгон.
Ошол эле учурда бугу уруусунун өкүлдөрү аталган эки манапты кармашта бейтарап болуп берүүсүн суранышкан. Натыйжада Жантай менен Жангарач, черик уруусунун манабы Улак, таластык саруу, кушчулардын бийи Бүргө баатыр кармашка аралашкан эмес.
Бугу-сарыбагыш чатагы түндүк кыргыз урууларынын 1860-жылдардын башына чейинки Орусияга карата мамилесин эки багытка кескин бөлүп койгон. Көлдүк кыргыздардын Орусияга жүз бурушу улам бекемделген, ал турсун Боромбай манап чабыштын жүрүшүндө орус бийликтеринин «жардамына» сүйөнүп да калган, ал эми сарыбагыштар болсо Кокон бийлигинин тукуруусу менен Ормондун мезгилиндеги орус-сарыбагыш мамилесин токтотуп гана койбостон, Үмөтаалы баш болгон манаптардын тобу антиорусиячыл багытка оогон. Муну 1855-жылы октябрь айында бугу-сарыбагыш чатагына байланыштуу Ысык-Көлгө келген хорунжий Лутшевдин арачыл аракетине сарыбагыш манаптарынын макул болбошу, Ала-Тоо округунун приставы М.М.Хоментовскийдин каттарына тоң моюндук кылышы сыяктуу фактылар далилдейт. Саясий кырдаалдын мындай таризде өнүгүшү бугу-сарыбагыш чабышынын жүрүшүнө байланыштуу орус-кокон мамилесинин курчушуна алып келгендигин байкоо кыйын эмес. Чүй кыргыздарынын басымдуу бөлүгүн жана алардын манаптарын антиорусиячыл багытка бура алган кокон бийликтери бугу-сарыбагыш чабышы мезгилинде «оруска өтүп кеткен» бугуларды жазалоо шылтоосу менен Ысык-Көлгө мурункудай эле зекетчилерди жиберип, чыңдоо курууга аракеттенгендиги жогорку пикирди негиздеп турат. Булар кыргыз урууларынын Орусияга «ыктыярдуу» бирикпегендигинин дагы бир ашыкча далили боло алат.
1854-жылы 10-июлда бугулардын манаптарынын атынан Омбуга жиберилген Койчубек Шералы уулунун депутациясы 26-сентябрда Омбуга жеткен [3]. 1855-жылдын 17-январында Койчубек Шералы уулу 10 миң түтүн бугу уруусунун атынан расмий түрдө Орусиянын букаралыгын таануу антын берген. 14 пункттан турган келишим боюнча бугу уруусунун Орусия дөөлөтүнүн алдындагы милдеттери тастыкталып, Боромбай Бекмурат уулу «Чоң манаптыкка» көрсөтүлгөн. Бул акт кыргыз элинин Орусияга каратылышынын башталышы болгон. Бирок, Көл кыргыздарынын Орусия букаралыгына өтүшү расмий окуя болгону менен, али ал реалдуу күчүнө кире алган эмес. Омбуда түзүлгөн келишимде көрүнүп тургандай, орус бийлиги кыргыздар тарабынан формалдуу гана таанылып, кыргыз жергесинде колониялык аппарат али түзүлгөн эмес.
Бугу уруусу орус букаралыгын тааныгандан кийин орус бийликтеринин максаты Ысык-Көлдө орус таасирин бекемдөө жана улам келе берген кокон зекетчилерин ал жерден биротоло кууп чыгуу болучу. Муну 1856-жылы М.М. Хоментовскийдин Көлгө келиши, Боромбайды чакыртып, Ысык-Көлдө чыңдоо куруу маселесин коюшу сыяктуу аракеттер тастыктайт. Ошого карабастан бугулар да, сарыбагыштар да орус отряддарына кол салган. Бул орус бийлигинин көл кылаасында али орной электигин, кыргыз көчмөндөрү өздөрүн «орус букарасы» деп санабагандыгын, бугулардын Орусияга каратылышы азырынча кагаз жүзүндө гана экендигин ырастайт. Ысык-Көлдө орус бийлигин бекемдөө аракети ошентип бир топ жылга чейин ишке ашкан эмес. Кийинки жылдары бугу-сарыбагыш жаңжалынын андан ары күчөшү, казак-кыргыз барымтачылыгынын жанданышы, кокон бийликтеринин солтолорду сарыбагыштарга, сарыбагыштарды бугуларга тукурушу, бул ыдыроону Орусиянын пайдасына чечүү үчүн Хоментовскийдин 1857-жылдын августунда Жантайдын айлына кол салышы, бирок тынай уруусунан сокку жеп, ал «жаңылыштыгы» үчүн анын ордуна кайрадан Перемышльскийдин дайындалышы күбө болот.
Бул мезгилдеги дагы бир маанилүү окуя – П.П.Семеновдун Кыргызстанга келиши болгон. Ал 1856-жылы сентябрда Түптө, Ысык-Көлдүн чыгыш жагында, бир аз кийинчерээк Кемин, Боом жана Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндө болуп кайткан. М.Д.Перемышльскийден атайын саясий чалгын тапшырмасын алган окумуштуу кийинки жылдын май айынан июлга чейин Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында Боромбайдын жайлоолорунда, андан кийин Нарындын башында сарыбагыштардын айылдарында болгон. Бирок, 1857-жылы Семенов-Тянь-Шанскийдин көлгө келиши да орус бийликтеринин Ысык-Көлдөгү таасирин бекемдей албаган. Муну 1858-жылы каза болгон Боромбайдын ордуна чоң манаптык кызматка мурасчы дайындоо мезгилинде бугу манаптарынын эки топко бөлүнүп алып, бийлик талашышы, кокон бийликтеринин Көл кыргыздарын өз таасирине тартууга болгон кезектеги аракеттери да таасын көрсөтөт.
1855–58-жылдарда Орусиянын бийлигинин бугу уруусунун үстүнөн биротоло орногондугун тастыктаган белгилер (саясий башкаруу структурасы, аскер күчтөрү, алык-салык иш-чаралары) болбосо да, Түндүк Кыргызстандын Чүй жана Теңир-Тоо чөлкөмдөрүн каратууга ыңгайлуу өңүттөр 1850-жылдардын акырында негизинен түзүлүп калган, Көл кылаасы, Тянь-Шань тоолору гео-стратегиялык жактан изилденген, бугу-сарыбагыш жаңжалы, барымтачылык кыргыз урууларын айласыздан Орусиянын алдына тизе бүктүрүүдө натыйжалуу пайдаланылган, уруу төбөлдөрүн сыйлоо, чин берүү сыяктуу алдоолор менен оруска жүз бурдуруу, акырындык менен кокон бийликтеринин таасирин жок кылуу жана аларды Ысык-Көлдөн сүрүп чыгаруу сыяктуу аракеттер өз жемиштерин берген.
1857-жылы кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы башталган толкундоолорунун натыйжасында хан бийлиги Чүй, Талас, Олуя-Ата, Чымкент чөлкөм дөрүндө начарлап кеткен. Бул кырдаалдан пайдаланган М.Д.Перемышльский 1858-жылы жазында атайын отряд менен Чүй өрөөнүн көздөй жүрүшкө чыгып, бирок борбордон келген эскертүүгө байланыштуу Верныйга кайткан да, андан 40 чакырым жерге көзөмөлдөө бекетин коюу менен гана чектелген. Бул чечим Орусиянын Кокон хандыгынын Жети-Суудагы таасиринин биротоло төмөндөшүн күтүп, бул чөлкөмдү каратууга азырынча убакыт келе электигин баамдагандыгын далилдеп турат.
Негизинен түштүк кыргыздарында активдүү жүргөн Кудаяр ханга каршы башталган күрөштөр 1858-жылы хандын аскерин талкалап, ноябрь айында Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Малабектин негизги максаты Орусиянын басып алуусунун алдын тороп, жаңы аскер күчтөрүн жиберүү менен Кыргызстандын түндүгү менен Казакстандын түштүгүн коргоо болгон. Бул кырдаалда орус бийликтери Оренбург жана Сибирь тилкелерин бириктирүү планын иштеп чыгышкан. Мында Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г.Х. Гасфорд менен Оренбург генерал-губернатору А.А. Катенин өзгөчөлөнүшкөн. Пландар 1859-жылы 24-январдагы атайын кеңешмеде каралып жактырылган соң, Чүй өрөөнүн каратуу 1860жылы ишке ашырылсын деген чечим кабыл алынган [4].
Бул мезгилде көл манаптарынын бийлик талашуусуна байланыштуу орус бийликтери Ысык-Көлдө орус таасирин чыңдоого аракеттенген. Орусиядан колдоо алуудан үмүтүн үзгөн Муратаалы, Тилекмат, Чоң Карач баштаган топ ХIХ кылымдын 60-жылдарынын башында Кокон хандыгына жан тарткан багытка ачык эле өтүп калышкан. Койчубек, Зарыпбек, аларга кошулган Боромбайдын уулу Кылыч орус багытын кармап турушкан. Экинчи топтун өтүнүчү менен Ала-Тоо округунан 1860-жылдын февралында көлдүн чыгыш жагына Жеребятьевдин, батыш жагына Шайтановдун отряддары келген. Ысык-Көлдү кайрадан хандыктын таасирине киргизүү үчүн аракеттенген кокон зекетчилери Көлдөн куулуп, бугулардын арасында Орус падышачылыгынын таасири бир аз бекемделген.
Ошол кезде Үмөтаалы менен Төрөгелди Теңир-Тоонун тереңинде, Адыл, Ажы, Калыгул башында турган сарыбагыштардын бир бөлүгү Көлдүн түндүгүндө болучу. М.И.Венюковдун чакырыгына келүүдөн баш тартып качып жөнөгөн Адыл бий кармалып, аны менен кошо бир топ манаптар «ардактуу туткундар» катарында Верныйга жөнөтүлгөн. Эмки чоң кагылышуулар Чүйдө болорун эсепке алган орус бийликтери Жантай, Жангарачтар менен жакшы ымалага келүү үчүн кат алмашуу, өкүлчүлүк жиберүү, үгүттөө, белек-бечкек берүү ыкмаларын пайдаланып турушкан.
Генералдык штабдын полковниги Циммерман менен Ала-Тоо округунун башчысы Г.А.Колпаковский Кокон хандыгындагы саясый тополоңдон пайдаланып, 1860-жылдын август – сентябрь айларында Токмок, Пишпек чептерин талкалаган. Ошол жылы кеч күздө Канат Шаанын жана Алымбек датканын орус баскынчыларына каршы аракеттерине чүй кыргыздары да активдүү катышышкан. 1860-жылдын 18–21-октябрь күндөрү Кастекке жакын жерлерде кармашуулар болуп, көп жоготууларга учураган Канат Шаанын колу Чүйгө чегинүүгө мажбур болгон. Кийинки жылы Орусия баскынчылыгына каршы активдүү күрөш баштоону пландаштырган менен кокон бийликтеринин аны аткарууга чамасы келген эмес. Ошондой болсо да 1861–62-жылдарда кокон бийликтеринин аракеттери Чүй манаптарынын олку-солкулугун пайда кылып, ал түгүл көлдүк манаптардан Муратаалы, Тилекмат сыяктууларды Коконго жүз бурган маанайын жандандырган.
Бугу манаптарынын бийлик талашкан топторунун орус бийликтерине биринен-бири өтүп арыздануусунан пайда болгон кырдаал Ысык-Көлдө орус бийлигинин бекемделишин камсыздаган. Чоң манаптыкка Зарыпбек Сасыке уулу көрсөтүлүп (бекмурат же кичи белек тобу), анын жардамчылыгына Алгазы Шералы уулу (шапак же чоң белек тобу) дайындалган. Мындай компромисттик дайындоолор менен Г.А.Колпаковский Муратаалы, Тилекмат сыяктуу Коконго жүз бурган күчтөрдү Орусияга оодурууну көздөгөн. Бирок, көп өтпөй жаатташуу күч алып, Муратаалы, Тилекмат, Чоң Карач сыяктуу манаптарга Балбай баатыр кошулган да антиорусиячыл маанай кайрадан пайда болгон.
Эми кыргыз-казак барымта жаңжалдарын шылтоо кылган орус бийликтери Чүйгө чечүүчү жүрүштү баштоого камдана баштаган. Натыйжада 1862-жылдын апрель-майындагы, сентябрь-октябрындагы Байтик сыяктуу кыргыз манаптарынын активдүү колдоосуна ээ болгон жүрүштөр максатына жетип, Чүй өрөөнү негизинен Орусияга каратылган. 1862-жылкы ийгиликтер 1863-жылы майда башталган кезектеги Чүй жүрүшү менен бекемделген. Пишпекти талкалоону аяктаган орус отряды кыргыз кошуундарынын жардамы менен тез эле Меркени алган. Чүй жүрүшүнүн мезгилинде Теңир-Тоого да жүрүш уюштурулган. Бул жерде бир топ кокон чептери болуп, сарыбагыштардын, саяктардын, чериктердин, чоңбагыштардын ири топтору али орус бийлигин тааный элек болучу. Жүрүштүн максаты ушул чөлкөмдөрдөгү элди багындыруу болгон. Куртка чеби, Ат-Башы жана Тогуз-Торо чептери оңой эле багындырылган. Бирок, сарыбагыш, саяк урууларынын кай бирлери толкундоо чыгарышып, ал түгүл Үмөтаалы, Осмон жигиттери менен подпоручик Зубаревдин отрядына 1863-жылдын 19-июнунда кол салышкандыгы тарыхта маалым [5].
Теңир-Тоодогу орус жүрүшүнүн ийгиликтеринин таасири 5000 түтүн чериктердин орус букаралыгына моюн сунушуна алып келген. Ошол эле жылы 13-октябрь күнү Омбу шаарында Омуке, Каташбек, Ажыбай манаптар орус букаралыгын кабыл алуу жөнүндө ант беришкен. Алардын артынан Нарын чөлкөмүндөгү саяктар, бугулардын тынымсейит уруусу орус букаралыгын алууга аргасыз болушкан.
Орусия империясынын Нарын чөлкөмүн каратышы менен арка кыргыздарынын басымдуу бөлүгү орус бийлигин таанып калган. Бирок, Кыргызстандын түндүгүндө али орус бийлиги биротоло орногон эмес. Жаңы ээленген жерлерде бир да орус чыңдоосу же туруктуу аскер бөлүгү жок болучу, административдик түзүлүш киргизилбеген, алык-салык алуу башталбаган. Башкача айтканда, орус колониялык системасынын зарыл элементтери али иш жүзүндө жок эле. Кыргыз урууларынын орус букаралыгына моюн сунган оозеки жана кай бир жазуу түрүндөгү тил каттары менен коштолгон Орусиянын формалдуу үстөмдүгү гана болбосо, чынында, 1855–63-жылдары Ысык-Көлдө, Чүйдө, Нарында орус бийлиги иш жүзүндө орногон эмес, ал шарттуу гана болгон.
ХIХ кылымдын 60-жылдарынын биринчи жарымында каратылган ээликтерге колониялык бийликти орнотуунун эң биринчи шарты ал жерлерге аскердик күчтөрдү жайгаштыруу эле. Ал 1864-жылы жазда Ысык-Көл ойдуңунун Жууку өзөнүндө Ак-Суу чыңдоосун кура баштоо менен чечиле баштаган.
Бул мезгилде Кокон хандыгында абал курч эле. 1863жылы Кудаяр тактан экинчи жолу куулуп, Алымкул ордону ээлеген. Бийлик кыргыз-кыпчактарга тийип, 1863-жылы Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргызкыпчактардын жамаатындагы таасирдүү ишмер молдо Алымкул жаш ханга Аталык дайындалып, иш жүзүндө хандыкты өз колуна алган. Ал орус чек араларындагы чептерди калыбына келтирүү жана бекемдөө ишин баштаган. Бул кырдаалда Орусиянын согуш министри Д.А.Милютин менен тышкы иштер министри А.М. Горчаков макулдашып, 1864-жылдан калбай Сибирь жана Оренбург тилкелерин кошуу чечилген, жаңы ээликтерге оторчуларды жайгаштыруу да пландаштырылган. Алымкул аталыктын аракеттерине, чүйлүк кыргыздардын Жангарач, Маймыл, Тынаалы сыяктуу манаптарынын кокон амирлигине али деле баш ийип турушканына карабастан Орусиянын кысымы күчөй берген. 1864-жылы Байтик, Корчу, Макеш, Шаңдык, Өзүбек Бошкой уулу, Меңди, Мырзалы туткундалып Верныйга жөнөтүлгөн [6].
Ошол мезгилдеги Кытай чек арасындагы салыштырмалуу тынчтык, Кокон хандыгындагы ички саясий олку-солкулук, Чүй, Талас кыргыздарынын, Сыр-Дарыя казактарынын акырындап оруска жүз бурушу Орусияга Орто Азиянын ички чөлкөмдөрүнө жүрүш баштоого ыңгайлуу шарттарды камсыз кылган. 1864-жылы Олуя-Ата, Түркстан алынган. Ошентип, Арал деңизинен Ысык-Көл ойдуңуна чейин чептердин тизмегинин пайда болушу менен Сибирь, Оренбург тилкелеринин кошулушу иш жүзүнө ашты деп эсептелинген.
Жангарач менен Бошкойдун кээ бир айылдары орус букаралыгына өтүүдөн баш тартып Таласка көчүп кетишкендигине карабастан чүйлүк кыргыздардын манаптарынын басымдуу көпчүлүгү учурдагы шартта падыша бийлигин таанууга аргасыз болушкан. Кырдаалдын татаалдыгы, орус баскынчыларынын Чүй боорундагы, Теңир-Тоодогу кыргыз урууларын биринен сала бирин каратып келатышы, Жангарачтын балдарын, тууганы Чоюбекти, солто манабы Өзүбек Бошкой уулун Таластан туруп, орус букаралыгына өтүү ниетин билдирген кат жазышына аргасыз кылган.
М.Г.Черняев Олуя-Атаны алып жаткан мезгилде Лерхе баштаган чакан аскер Чаткалга жүрүш жасап, Чыназ сепили ээленген, саруу, багыш, кытай, кушчу урууларынын бийлеринин бир тобу: Кыдыраалы, Эгемберди, Сатымен орус бийлигин таанып келүүгө Олуя-Атага жиберилген. Сарымсак бий болсо 200 жигити менен орус баскынчылыгына каршы Кокон хандыгынын аскерине кошулуп «газават» үгүтүн жүргүзгөнү Фергана өрөөнүнө кирип кетүүгө аргасыз болгон.
1864-жылы жаңы ээликтерге административдик башкарууну уюштуруу маселеси көтөрүлгөн. Александр II тарабынан 18-июлда «Жаңы-Кокон тилкесинин» башчысы болуп мындан бир аз мурун генерал чинин алган М.Г.Черняев дайындалган. Бирок, андан көп өтпөй жаңы ээликтерге аскердик жана граждандык бийликти бириктирген жаңы административдик түзүлүш долбоорлонуп, ал 1865-жылдын 12-февралында бекитилген. Жаңы түзүлгөн Түркстан облусунун губернатору болуп кайрадан М.Г.Черняев дайындалып, ага тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.
М.Г.Черняев демилгени суутпастан Ташкентти ээлөөгө кам уруп, 1865-жылдын 9-май күнкү кандуу кармашта Алымкул аталыктын оор жарадар болушу жана өлүмү кокон күчтөрүнүн чегинүүсүнө алып келген. Баш аламан түшкөн шаарга 14–15-июнь күндөрү штурм жасалып, 17-июнь күнү Ташкент шаары каратылган. Ушундан кийин Бухара эмири Музаффар Коконду басып алган. Алымкулдун жаатташтары – кыргыз, кыпчак күчтөрү Музаффар менен кармашта жеңилип, Кудаяр хан такка үчүнчү жолу олтурат. Ошентип, орус-кокон согушу убактылуу токтогон.
Орусиянын Түркстандагы 1864–1865-жылдардагы активдүү аракеттеринен кийин, орус бийликтеринин көңүлү эми Теңир-Тоо жакка бурулган. Чыгыш Түркстандагы саясий окуялардын мезгилинде, чек арага жакын жайгашкан орус букаралыгына кирген бугу, саяк, сарыбагыш, черик, ичкилик урууларынын, айрыкча, Балбайдын, Шабдандын жүрүштөрү тарыхта маалым. 1865-жылы жазында кожолордун элчилери Кытайга каршы көтөрүлүшкө кошулууга үндөшкөндүктөн, бугу уруусунун бир бөлүгү Кытайга көчүп кетүүгө даярданып, ал турсун Балбай баштаган 1500 кишиден турган кошуун ал жакка аттанган.
Подпоручик Никольскийдин отряды бугулардын көчүн Текесте токтотуп калууга үлгүргөн. Орус букаралары деп саналып, бирок орус ээликтеринен сырт жерлерде жүрүшкөн айрым кыргыз, казак топторун, алардын башчылары: Балбай баатырды, казак бийлери Дуралы менен Шоорукту айылдары менен кайра орус ээликтерине көчүрүп келүү жөнүндө 1866-жылы өкмөттүн буйругу берилген. Ошондуктан 1867-жылы Балбай, Дуралы, Шоорук жана Сабатыр молдо туткундалып, Верныйга жөнөтүлгөн. 1867жылы сентябрь айында Верный түрмөсүндө 4 ай жаткан 76 жаштагы Балбай баатыр көз жумган.
Мына ушул окуялардан кийин бугу уруусу биротоло тынчып, алардын орус букаралыгын таануусу иш жүзүнө ашкан.
Кийинки жылдарда нарын кыргыздарынын бир даары кокон бийлигин кайрадан кабылдап калышкандыгына байланыштуу 1867-жылы июлда Полтарацкий баштаган атайын отряд Теңир-Тоого келген. Ал мезгилде Н.А.Северцовдун отряды да Нарындын башында изилдөө жана чалгын иштерин жүргүзүп жаткан болучу. Кырдаалга байланыштуу Үмөтаалы Н.А.Северцовго орус букаралыгына өтүү ниетин билдирген. Бул айласыздан болгон кадам болучу. Үмөтаалынын чечиминен кийин, Тянь-Шань чөлкөмүндө орус букаралыгына баш ийбеген чоң уруу калган эмес. Бирок, бул жакта али орус бийлиги толук бекемделе элек болучу.
Тогуз-Торо өрөөнүндө жаңы административдик түзү лүштү уюштуруп жүргөн Токмок уездинин башчысы майор Загряжскийдин отрядына 1868-жылы май айында Осмон Тайлак уулу кол салгандыгы тарыхта маалым [7]. Осмон сыяктуу Орусияга ачыктан-ачык каршы чыгышпаса да, бугу манабы Тилекматтын, сарыбагыш манабы Үмөтаалынын Кашкар өкүмдары Бакдөөлөт Жакыпбек менен байланышы барлыгы ырасталган. Ошондуктан Тилекмат туткундалып, Верныйга жөнөтүлгөн. Осмонду, Үмөтаалыны, анын иниси Чаргынды, жаңы административдик түзүлүштө болуштук кызматка шайлануу укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Тянь-Шань чөлкөмүндө орус бийлигин биротоло орнотуу үчүн ал жерде Нарын чыңдоосун куруу пландаштырылып, 1869-жылы Ак-Суу чыңдоосу ыңгайсыз деп табылгандыктан, Көлдө Каракол чыңдоосу курулган. Чүйдө Токмок, Ысык-Көлдө Каракол, Тянь-Шанда Нарын чыңдоолору жаңы орус бийлигинин таянычы болуп, Кыргызстандын түндүгүндө колониялык системанын орношуна шарт түзгөн. Ошентип, 1868-жыл Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн Орусия тарабынан каратылып алынышындагы акыркы чек болуп калды.
1867-жылы 11-июлда Сыр-Дарыя жана Жети-Суу облустарынан турган Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөн. Анын стратегиялык маанисин эске алып, Согуш министрлигинин карамагына беришкен. Ошентип, Кыргызстанда болочокто согуштук жана граждандык башкарууга негизделген колониялык аппараттын башаты негизделген. Административдик башкарууну уюштуруу менен катар эле Орус өкмөтү жаңы ээликтерде падышачылыкка согуштук-саясий жана социалдык таяныч түзүү үчүн отор саясатын да ишке ашыра баштаган. 1867-жылы Ысык-Көлдүн Караколунда, Чүйдүн Токмогунда отор пункттары даярдалып, кийинки жылы алгачкы оторчулар келе баштаган.
Ошентип, 1863–68-жылдарда болуп өткөн фактылар 1855–63-жылдардан айырмаланып, кыргыз жергесинин түндүк чөлкөмдөрүндө иш жүзүндө орус бийлиги эми гана орногондугун, ошону менен бирге Орусиянын Кыргызстанды каратып алышынын биринчи мезгилинин аякташын тастыктайт. Демек, түндүк кыргыздарынын Орусияга каратылышы 1863-жылы эмес, 1863–1868-жылдардын ичинде Орусия бийлигинин үстөмдүгүнүн биротоло орнотулушу менен толук ишке ашкан.
Эскертүүлөр:
- Чороев Т. Кыргызстан – колония.// Кыргызы и Кыргызстан: Опыт нового исторического осмысления.-Бишкек: Илим, 1994. – 104-бет.; Плоских В., Сапаралиев Д., Үсөнбаев К. Кол беришүү.// Ала Тоо.-№ 1. – 114-б.
- Семенов П.П. Путешествие в Тянь-Шань в 1856–57 гг. – М., 1958. – 280-бет.
- История Киргизской ССР. – Фрунзе, 1986. – 2-том. – 65-бет.
- Джамгерчинов Б. Очерки политической истории. – Ф., 1966. – 102–107-бб.; Бабабеков А. Орусия Орто Азияны басып алганбы?//КМ. – 1990.-6, 20-декабрлар.
- КазБМА. – 3-ф. – 11-иш. – 20–21-беттер.
- ОБМСТА. – ВУА фонду. – 2-бөлүк. – № 6788-док.
- Осмон ушундан кийин Кашкарга кетип, 10 жылдан кийин гана мекенине кайткандыгын акыркы изилдөөлөр тактап чыкты.
Кыргызстандын түштүгүн басып алуу жана падышалык Орусиянын кыргыз жергесин каратышынын аякташы
1865-жылы генерал М.Г.Черняевдин кол башчылыгы астында Кокон мамлекетинин түндүк-батыш чектериндеги бирден-бир чоң шаар болуп эсептелген Ташкент алынат. Кокон аскеринин лашкер башчысы, атактуу Алымкул аталыктын кармашта капыстан өлгөндөн кийин Бекмамат менен Атабектин башчылыгында кыргыз кошуундары, кокон сарбаздары Ферганага келе беришип, кыргызкыпчак төбөлдөрү 16 жашар Кудайкул бекти (Белбакчы хан) такка отургузушкан. Көп узабай Кудаярды ордуна коюуга аракеттенген Бухара эмири Музаффар 15-июлда Коконго кирген да Кудаяр хан үчүнчү жолу тактыны ээлеген. Кийинки жылдары Кудаяр хандын ички саясаты пассивдүү мүнөзгө өтүп, 1868-жылы 29-январда орускокон соода келишимине кол коюлушу Кокон хандыгын Орусиядан вассалдык көз карандылыкка алып келген. Кудаяр тышкы саясатта, олуттуу маселелерди чечүүдө өз алдынчалыгын жоготуп, орус бийликтерине ишенип калгандыктан хандыктын куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүнү да унуткан. Кокон хандыгынын чөлкөмдүк кичирейиши казынага түшүүчү алык-салыктардын көлөмүн кескин кыскарткан. Бул аскердик чиндердин, бийлик башындагы феодалдардын кызыкчылыгына терс таасирин тийгизген. Жоголгон байлыктын ордун толтуруу зарылчылыгы ички алык-салыктарды кескин көбөйткөн, эзүүнүн күчөшүнө алып келген.
1865-жылкы окуялардан кийин кыргыз, кыпчактардын Кудаяр ханды алмаштыруу үчүн жүргүзгөн күрөштөрүнүн тизими башталган. Муну орус бийликтери да байкашкан. (Караңыз: ЦГВИА. ВУА фонду. – 2-бөлүм. – 2-бөлүк. – 6795-документ.) Көчмөндөрдүн Кудаяр хандын иниси Султан Мурат бекти мураскорлукка көрсөтүшү жогорку аракеттерди далилдеп турат. Курманжан датканын Коконго келип Кудаяр ханга жолугуп кетишине, Кудаярдын кыргыз бийлерин өз тарабына тартууга кылган аракеттерине карабастан бул тенденция улам күчөй берген. 1867-жылы жазда Алайдагы КызылКоргондогу, 1870-жылы Алайдагы, 1871-жылы жазында Сохтогу көтөрүлүштөр буга мисал боло алышат. Ошол эле жылы «Батыр хан төрөнүн козголоңу» деп аталуучу окуя жөнүндө маалымат бар. Кийинки жылдары майда көтөрүлүштөр жана толкундоолор Фергана чөлкөмүнүн бардык жерлеринде тынымсыз чыгып турган. Алардын ичинде Алай чөлкөмү толкундоолордун бирден бир очогу бойдон кала берген.
Ошентип, 1868–73-жылдардын ичинде 1868-жылы орус-кокон, орус-бухара, 1873-жылы орус-хива келишимдери Орто Азиянын үч хандыгын Орусиянын вассалына айландырып, 1871-жылы Кулжаны басып алуу, 1872-жылы орус-кашкар, 1872–73-жылы англо-орус келишимин түзүү эл аралык деңгээлде падышачылыктын экспансиялык максаттарына кеңири жол ачкан. Кудаяр хандын зордук-зомбулугу, кыргыз, кыпчак көчмөндөрүнүн саясий аракеттери сыяктуу факторлор Кокон хандыгын жана ферганалык тургундарды каратууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн.
1873–74-жылдардагы Түштүк Кыргызстандагы саясий окуялар жана Искак Асан уулу
Фергана элетинде 1871–72-жылдары болуп өткөн чаржайыт толкундоолордон айырмаланган нукура элдик көтөрүлүш 1873-жылы жазында башталган. Өрөөндү бүтүндөй камтыган бул кыймыл үч жыл созулуп, Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келген. Фергана тургундарынын 1873–76-жылдардагы бул зор кыймылы тарыхта «элдик кыймыл», «Кокон көтөрүлүшү», «Полот хандын көтөрүлүшү» деген аттар менен белгилүү. 1873–76-жылдарда Кокон хандыгында болуп өткөн элдик кыймылдын максатынын, мүнөзүнүн, кыймылдаткыч күчтөрүнүн жана этносаясий курамынын эволюцияланышына тарыхый-жылнаамалык жактан карап, эки чоң мезгилге бөлүү зарыл (1873–74, 1875–76).
Көтөрүлүштүн биринчи мезгили Фергана элетиндеги элдик чыгуулар менен башталган. 1873–74-жылдардагы жүргөн кыймылдардын төрт чөлкөмүн белгилөөгө болот.
а) Алай чөлкөмү. Түштүк-чыгыш элеттериндеги кыргыз айылдарында башталган көтөрүлүштүн негизги шылтоосу хандын салык саясаты болгон. Кудаяр хан көтөрүлүштү басууга ири жазалоо отрядын жиберген. Бирок, кыргыздар аларды талкалап салышкан. Толкундоолор басаңдабагандыктан, хан 1873-жылдын май айында Абдырахман аптабачы баштаган 1000 сарбаздан турган экинчи жазалоо отрядын жиберген. Аптабачы көтөрү лүш чүлөрдүн таламын «түшүнгөндүгүн» билдиримиш болуп, Шер датка баштаган кыргыз, кыпчак урууларынын 40 бийин хан менен сүйлөшүүгө ордого барууга макул кылдырган. Бирок, элчилер жырткычтык менен өлтүрүлүп, элет кайтадан толкундаган. Миңдеген кыргыз, кыпчак көтөрүлүшчүлөрү 1873-жылдын июль айында Фергана өрөөнүн басып кирген. Сох чеби талкаланып, көтөрүлүш чүлөргө каршы жиберилген Маргалаң беги Султан Мурат зорго качып кутулган. Ош, Өзгөн, Араван, Үч-Коргон, Анжыян, Булак-Башы ээленген. Бирок, 1873-жылдын күз айларында акырындап тоо таяна чегинип кетүүгө аргасыз болушкан.
б) Аксы чөлкөмү. 1873–76-жылдардагы элдик кый-
мылды, анын ичинде Аксы көтөрүлүшүн иридеги совет окумуштууларынын басымдуу көпчүлүгү Искак Асан уулунун ысмына байланыштырышат. Көтөрүлүштүн алгачкы мезгилинде Искак жалпы жетекчиликти колго албаганы менен кыймылдын башынан аягына чейин түпкү ыйык максатынан кайткан эмес. Ошондуктан кыймылдын жүрүшүн кеп кылуунун алдында Искактын элдик кыймылдын башында кандайча туруп калгандыгы жөнүндө кыскача маалымат берүүбүз максатка ылайыктуу. (Искак Асан уулу Полот хан жөнүндө маалыматтарды төмөнкү адабияттардан карап алыңыз: Бабабеков Х.Н. Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки (ХVIII–ХIХ вв.). – Ташкент, 1990. – 83–110-беттер.; Кененсариев Т. Искак Асан уулу – Полот хан. – Бишкек, 1997; Корытов Н. Самозванец Пулат хан.//Ежегодник Ферганской области за 1902 год. – Новый Маргелан, 1903. – № 1. – 27-бет.; Молдокасымов К. Полот хан. //Мурас. – 1991. – № 1; Ошол эле автор. Искак Молдо – Кокондун акыркы ханы.//ЗК. – 1994. – 18, 25-ноябрлар, 2-декабрь.; Павлов С., Рабинович М. Кокандское восстание (1875–76 гг.) // БК. – 1936. – № 4. – 47–56-беттер; Үсөнбаев К. Өткөндүн кайрыктары.//1990. – КМ. – № 14,15.; Ошол эле автор. Көтөрүлүштүн башы.//КМ. – 1990–№ 49.; Ошол эле автор. Это было в Коканде. Похождение Пулат хана.//КБ.-1993. – 16 февраля; Ошол эле автор. Өткөндүн кайрыктары. 1873–1876. Кокон көтөрүлүшү.//КМ. – 1990. – № 14,15; Ошол эле автор. Тарыхтын татаал жылдары. Кокон көтөрүлүшү//ЭТ. – 1993. – 3-июнь, 7-июль жана башкалар).
Кокон ханы Кудаярдын эсирип кеткендиги жана кыргыз, кыпчак жамаатынын өкүлдөрүн сүрүп чыгып, ордодогу кадимден келаткан этносаясый тең салмактуулукту бузушу кыргыз бийлеринин кыжырын келтирип жүргөн. Бул саясый нааразылык 1865-жылы Кудаярдын үчүнчү жолу такка отургандан кийинки беш жылдыкта активдүү аракеттерге алып келбесе да, 1870-жылдардын башындагы толкундоолор, айрыкча 1871-жылкы Сох кыргыздарынын көтөрүлүшү, кыргыз бийлерин «убакыт жетти, эми аракеттенүү керек» деген чечимге алып келип, алар эми кандай гана болбосун «… хан тукумунан бир ханзаада таап, Кудаярдын ордуна отургузууну» көздөп калышкан. (Караңыз: ӨзБМА.-1-ф.-3-оп.-243а-иш.-19–25-барактар.)
Салтка ылайык хан мураскору хан тукумунан гана көтөрүлүүсү зарыл эле. Ошондуктан 1872-жылы кутлуксейит уруусунун бийи Шер датка (кутлук-сейит уруусу Аксы өрөөнүндө туруктаган уруу) баштаган кыргыз төбөлдөрү кеңешип, андай талапкерликке Самарканддагы бир медреседе имамдык кылып жүргөн кадимки Алим хандын (1800–1809) урпагы, Ибрагим бектин баласы Пулат бекти тандашат да, аны кыргыздардын арасында хан көтөрүү менен Кудаяр ханга каршы күрөшүүгө чечим чыгарышат. Кеч күздө Самаркандга келген Шер датканын өкүлчүлүгүнө тынч турмушту сүйгөн мажирөө Пулат бек макулдугун берүүгө эрки жетпейт. Мындан кийин кыргыз бийлери Хорезмде жашаган Мадалы хандын уулу Музаффарга барышат. Хан тукумунун бул урпагы да такка олтурууну каалаган эмес. Хорезмден кайтып келе жаткан кутлук-сейит Шер датка, кыргыз-кыпчак Мусулманкул бий жана найман Мусабек бий курамалык Абдымомун менен кеңешмекке Ташкентке кайрылып, анын үйүндө конуп калышат. Абдымомун Кокон ордосуна таанымал, кадырлуу киши эле. Өз мезгилинде Алымкулдун жардамы менен «аталык» даражасына жеткен. 1865-жылы Ташкент Орусияга каратылгандан кийин ал Кудаярдын кызматына кирүүдөн баш тартып, курама элинде (Ташкенттин түштүк-чыгыш тарабындагы чөлкөм) колунда бар адам катары жашап турган. Искактын тирикарактыгын байкаган Абдымомун аны өзүнө жигит кылып алган. Бул мезгил 1870-жылдардын башы болучу.
Булактарга караганда Самаркандга барып, ой-максаттары ишке ашпай калганын айтып олтурушкан коноктор самаркандык Пулат бекке куюп койгондой окшош Искакка өтө көңүл буруп калышат. Шер датка менен Мусулманкул бийдин сөздөрүн баамдап олтурган Искак өмүрүн тобокелге салууну чечип, Абдымомун эшикке чыкканда «көтөрүлүшкө мен жетекчи болуп берер элем» деген оюн билдирет. Муну уккан коноктор сүйүнүп кетишет да, Искак көп узабай «Полот хан» деген ат менен Аксы тарапка жөнөп кетет.
Ошентип, 1873-жылы жаз алды менен 200дөй кыргыз жигиттерин ээрчитип, Шер датка, Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы жана Абдымомундун коштоосунда Искак хан мурасчыларынын биринин Полот ысмын алып Аксыга келген. Аксылыктар Искактын туусу астында
Кудаярга каршы күрөшкө чыгууга макул болушкан. 1873жылы жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан» деген ат менен Аксынын Сафид-Буланында хан көтөрүлгөн.
Аксы өрөөнүндөгү көтөрүлүшчүлөр Абдрахман аптабачынын аракеттеринин натыйжасында Ала-Букага чегинишип, андан ары Чаткалга өтүп кетишкен. Бирок, июль айында Шер датка баштаган 40 бийдин Кокондо өлтүрүлгөндүгүн угуп, алар кайрадан Ала-Букага басып киришкен. Бирок жазалоочу отряд Искактын колун экинчи жолу чегиндирип, тоо аралап кирип кетүүгө аргасыз кылгандыктан, эмки жылга чейин Аксыда салыштырмалуу тынчтык орногон.
в) Эки-Суу арасы чөлкөмү. Көтөрүлүштүн дагы бир
орчундуу чөлкөмү Эки-Суу арасы эле. 1873-жылдын жазында башталган Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астындагы кыймыл алгач Көк-Арт өрөөнүн каптап, Жалал-Абад, Ханабад кыштактарын ээлеген. Июлда Өзгөн шаары алынган. Кыймыл күздө чоң жазалоочу күч менен зорго басылган. (Мамыр Мерген уулу – Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Эки-Суу арасы деп аталчу өрөөндүн Үч-Коргон, Избаскан чөлкөмдөрүндө жашаган сол канат кыргыздарынын мундуз уруусунун жөнөкөй үй-бүлөсүнөн чыккан инсан. 1873-жылы жаз айларында 35 жаштагы бул адам Кудаяр ханга каршы кыргыздардын Эки-Суу арасын, Көк-Арт өрөөнүн, Сузактан Өзгөнгө чейинки чөлкөмдөрдү туруктаган мундуз, багыш, басыз, карабагыш жана кушчу урууларын көтөргөн. Мамырдын социалдык теги тарыхый булактарда айтылбайт. Караңыз: Мирза Алим. Ансаб-ас Салатин…115б-116а-беттер.//Шилтеме Р.Н. Набиевдин «Из истории Кокандского ханства…» деген китебинин 77–78-беттеринен алынды).
г) Түштүк-батыш чөлкөмү. 1873-жылдагы көтөрүл үштүн дагы бир чөлкөмү Лейлек болгон. Кыймылдын жетекчиси Мамырбай Баткен-Алай тараптагы көтөрүл үшчүлөр менен байланышып турса да, өз алдынча аракеттенген. Аларга каршы Чаткалдан кайткан Абдрахман аптабачы жөнөтүлгөн. 400дөй киши туткундалып, Кокондо даргага асылган. Бирок Мамырбай кармалган эмес. Кожент кыргыздарынын чүйлүктөр менен байланышуу үчүн Шабдан Жантай уулу менен кат алышкандыгы жөнүндө булактар маалымдайт. (Караңыз: Өзбекстандын Борбордук мамлекеттик архиви.-1-ф.-34-оп.-196-иш.-№ 37-телеграмма).
1874-жылдын жазында элдик толкундоолор кайрадан алоолонгон. Май айында кара-кулжалыктар Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астында жаңы күч менен күрөшкө чыгышкан. 10 миңден ашуун көтөрүлүшчүлөр июль айында Чаткалдан чыгып, Полот хандын кошууну Төрө-Коргон чебин талкалап, Наманганды камаган. Бул жылы Алай, Сох, Баткен, Лейлек жактарда активдүү козголоңдор болбоду. Бирок толкунданган эл тынчып калды деп айтуу кыйын. 1874-жылы Лейлек чөлкөмүндөгү Кыяксай деген жердеги Мамырбай баштаган 400дөй көтөрүлүшчүлөрдүн тобунун аракеттери булактарда катталган. 1874-жылдын күз айларында толкундоолор акырындап басаңдап, убактылуу тынчтык өкүм сүргөн. Бирок ал кыжырданган элдин убактылуу гана тыныгуусу болчу. Алар тымызын алдыдагы чечкиндүү кармаштарга даярдана беришкен.
1873–74-жылдардагы бир жарым жылча созулган кыймылдарга катышпаган кыргыз, кыпчак уруулары болгон жок. Булактарга караганда көтөрүлүшкө 42 уруу же 132500 түтүн кыргыз, кыпчактар катышкан. Бул сан көтөрүлүштүн масштабын айкын белгилеп турат. Кыймылга негизинен, кыргыздар, кыпчактар катышканы менен, кыштактардагы, шаарлардагы отурукташкан сарт, өзбек жана тажик калкы өзүлөрүнүн тилектештигин билдирип, кээде кошулуп кетип да турушкан. Бул жөнүндө тарыхый булактар баяндашат. Бирок, отурукташкан тургундар көтөрүлүшкө массалык түрдө азырынча катыша алышкан эмес.
1873–74-жылдагы кыймылдын социалдык курамын аныктоодо мурунку тарыхнаамадагы «таптык көз караштан» арылуу зарыл. Ал кездеги тарыхый шартта кыргыз, кыпчак уруулары көтөрүлүшкө таптык белгилери менен эмес, Кудаяр ханга каршы күрөштүн тегерегинде жалпы элдик куралдуу протест катары биригишкен. Кыймылдын тигил же бул чөлкөмдөрүн бириктирип турган уюм болбосо да, алардын бири-биринен кабар алып, ал түгүл түндүк кыргыз уруулары менен да тиешелүү деңгээлде байланышта болуп турган. Жазалоочулардын зомбулугуна байланыштуу бир топ кыргыз уруулары айласыздан орус букаралыгына кирүүгө ниеттенгендиги, орус бийликтеринин мындай аракеттерди колдомок гана турсун, тескерисинче, кокон бийликтерине качкындарды кайтарып берүүсү, ушунусу менен хандыктын акырындап кыйроосун күтүп гана турган.
1875-жылдын жазынан 9-октябрга чейинки боштондук күрөштөр
Элдин таламын көзгө илбеген Кудаяр хандын 1875жылы жазда үч эселенген оор салык салышына байланыштуу көтөрүлүштүн кайрадан күч алып, кыймыл өзүнүн биринчи (1873–74) мезгилинен экинчисине (1875–76) эволюциялык жол менен өткөн. Бул, албетте, сапаттуу өзгөрүү болучу. Элдик кыймылдын экинчи мезгили биринчи мезгилден өзүнүн максаты, мүнөзү, масштабы жана улуттук курамы менен бир топ айырмаланып, ал 1875-жылдын жайындагы Кокон мамлекетинин ички жана тышкы саясий абалынын укмуштуудай тез өзгөрүүсүнө байланышат. Кыймылдын 1875–76-жылдардагы экинчи мезгилин үч баскычка бөлүүгө болот. Мындай ыкма кыймылдын өнүгүү эволюциясын туура түшүнүүгө чоң жардам берет.
1875-жылдын жаз алды менен лейлектик кыргыздар Аксыда жүргөн Искакты чакырышып, көтөрүлүш эми «түрк, тажик, кыргыз, кыпчак бирге чогулган» зор кыймылга айлана баштаган. Июнда Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы калк көтөрүлүп, Искак Өзгөнгө келген. Исфандияр, Абдылдабек Алымбек уулу, Орозаалы, Ботобек сыяктуу кадыр-барктуу бийлердин болушу кыймылга социалдык жактан кеңири түс берип, Кудаяр ханга каршы улуттук курамы түрдүү калктын катышышы, кыймылдын чыныгы элдик кыймылга айланып бара жаткандыгын айгинелеген.
Полот хандын колу 1875-жылдын июнь, июль айларында Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак сыяктуу ири шаар-кыштактарды ээлеп, кыймыл бүтүндөй Фергана өрөөнүнө жайылган. 13-июлда статс-кеңешчи Г. Вейнбергдин жана М.Д.Скобелевдин 2 топограф жана 22 казак-орус менен Коконго келиши ансыз да жарылууга даяр турган абалдын курчушун тездеткен. Бул кырдаалда Абдрахман аптабачы Полот хан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алгач Кудаяр ханга каршы күчтөрдү Полот хандын астында топтоону ылайык көрүшкөн. Бирок, тактыга Кудаярдын уулу Насирдин бекти олтургузууну, баш вазирликке жана миң башылыкка Абдрахман аптабачыны, финансы вазирлигине Иса Олуяны сунуш кылышкан.
Бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин Полот хан Насирдин бектин хан көтөрүлүшүнө каршы эместигин билгизген. Искак бул жерде чоң жаңылыштык кетирген. Амалкөй Абдрахмандын куру убадаларына ишенген Искак али мамлекеттин ички жана тышкы саясатына каныга элек болучу. Натыйжада кошуундары менен Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Калназар парваначы, Сарымсак эшик агасы 17-июль күнү, Кудаярдын иниси Султан Мурат, Кудаярдын улуу уулу, Анжыян вилайетинин акими Насирдин бек 19-июль күнү көтөрүлүшкө кошулушкан. 17–20-июлдарда көтөрүлүшчүлөр хандыктын бүтүндөй чыгыш тарабын колго алышкан, Ош, Наманган, Анжыян, Өзгөн, Ассаке, Маргалаң шаарлары ээленип, Коконго жакындаган. Кудаярдын каракалпак Зулпукар бек, туу башы Махмуд кожо сыяктуу эң жакын адамдарынын көтөрүлүшчүлөргө кошулуп кетиши, аны качууга аргасыз кылып, 22-июлда Кудаяр акыркы жолу ордону таштап шаардан чыгып кеткен. Анын көчүндө 70 аялдан турган гарем, 500гө жакын жан-жөкөрлөрү, ордо адамдары жана кызматчылары, 2000 сыпай жана 4000 сарбаз, 42 арабага жүктөлгөн казынасы, Г. Вейнберг жана М.Д. Скобелев баштаган орус отряды да бар эле.
Качкындардын артынан сая түшкөн көтөрүлүшчүлөр Кокондон 6 чакырым узатпай эле аларды кууп жетип, бир аз кагылышуудан кийин хандын акыркы таянычы болгон аскери замбиректери менен кошо көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. Көтөрүлүшчүлөр 40тай арабага жүктөлгөн дүр-дүнүйөнү, 2 арабадагы орус элчилеринин буюм-тайымдарын колго түшүрүшкөн. 24-июлда Кожентке жеткен хандын 70 аялдан турган гареми, 643 кишиси жана 40 араба казынасы гана калган.
24-июлда Коконго жакын Сары-Тал кыштагында Насирдин бек хан көтөрүлгөн. Көтөрүлүшчүлөрдүн Коконду ээлеши кыймылдын экинчи мезгилинин жүрүшүнө орчундуу өзгөрүү алып келген. Аптабачы менен көзмө-көз сүйлөшүүгө Коконго келген Полот хан туткундалып, августтун башында Махрам чебине камалган. Максатына жетишкен Абдрахман аптабачы менен Насирдин хан алгач орус бийликтери менен мамиле түзүүгө аракеттенген. К.П. Кауфман бул аракетке оң жооп берип, эми Кокондун мурунку ханы Кудаярды ордого кайтаруунун зарылчылыгы жок болуп калганда, Ташкентке келген хандын 140000 рублдик күмүшүн банкка тапшыртышып, өзүн үй-бүлөсү, 3 арабага жүктөлгөн мүлкү, жакындары менен 12-августта Оренбург шаарына жөнөтүп жиберишкен.
Кудаярдын андан аркы турмушу төмөнкүдөй аяктаган. Оренбургга келгенден кийин жаңы шартка көнгөнчө бир аз мезгил тынч жашаган. Кийинчерээк орус бийликтеринен Москва, Петербург шаарларына саякаттап келүүгө бир нече жолу уруксат суранган. Бирок император 11-сентябрдагы телеграмма менен анын суранычын четке каккан. Мындай суранычтар кийинки жылы да кайталанган. Ал кезде Москвада Кудаярдын алысыраак туугандарынын бири жашачу. Ошол себептүү ал алгач Меккеге барып келип, андан кийин Москвада жашоого уруксат берүүлөрүн да суранып көргөн. Согуш жана тышкы иштер министрликтери, Түркстан чөлкөмүнүн башчысы К.П.Кауфман буга макул болушканы менен, ички иштер министрлиги каршы болгон. Эми Кудаярга мурун Шамиль, кийинчерээк хивалык диванбеги Матмурад, жасоол башы Рахматулла жашап жаткан Калуга шаарына турууну сунуш кылышкан. Ага Кудаяр макул болгон эмес. 1877-жылга чейин Оренбургда жашаган Кудаяр, ошол жылы ноябрда Бухара эмираты аркылуу Ооганстанга качып өтүп, Меккеге зыярат кылат. Ажы болгон Кудаяр ооруп калып, дарыланыш үчүн Индиядагы англис врачтарына да барган. Бир нече жылдан кийин, тагыраак айтканда, 1880-жылы Индиядан Меккеге кайра келген. Меккеге кайтар алдында Бомбейден 22-июль күнү Кудаярдын генерал Крыжановскийге жазган каты архивде сакталуу. Бирок, акыркы изилдөөлөрдө 1829-жылы туулуп, 50 жашка толгон Кудаяр Меккеден Багдад аркылуу Түркстанга кайтып келе жатып, Ооганстандын Мазари-Шариф деген жеринде 1879-жылдын акырында өлгөн жана ошол жердеги Каррух көрүстөнүнө коюлган деп такталат (Караңыз: Юсупов Ш. Фуркат, шахзода, Фансурулло ва генерал Журабек.// Узбекистон адабияти ва саноати. – 1991-жыл.-17-май.).
Кокон мамлекетиндеги Насирдин хандын жаңы өкмөтү Орусиянын вассалы болуп калганы менен Абдрахман аптабачы баштаган топ кыймылдын жыйынтыктарына алымсынбаган көтөрүлүшчүлөрдүн толкунун башка жакка буруу үчүн орус колонизаторлоруна каршы «газават» ураанын жарыялап жиберди. Караңыз: ЦГВИА РФ.-ВУА фонду.– 6877-иш.-1-барак. Абаза К.К. Завоевание Туркестана. – СПб., 1902. – 228-бет.) Орус бийликтерине 1868-жылкы орус-кокон келишиминин жоболорун сактоого убада бергени менен Абдрахман аптабачыга көз каранды Насирдин хан (ал 16 гана жашта эле) айласыздан бул саясатка макул болгон. Натыйжада анын өкмөтү эл арасына бир нече үндөөлөрдү тараткан.
Көтөрүлүшчүлөрдүн негизги массасы кыймылдын жыйынтыгына алымсынбагандыктан Абдрахман аптабачы август айында орус колонизаторлоруна каршы «газават» ураанын жарыялоого аргасыз болгон. Андан көз каранды Насирдин хан буга көнгөн. Натыйжада бир нече үндөөлөр таратылып, «капырларга» каршы күрөшкөндөр Алладан жана Кокондон чоң сыйлыктарды алары айтылган. Газават ураанынын шарданында Фергана өрөөнүнүн батышында, Кожент чөлкөмүндө, Чаткал, Ангрен өрөөндөрүндө кыймыл күчөп, көтөрүлүшчүлөр Ташкенттен 40 чакырым аралыкта турган Паркент кыштагын алып токтошкон. Газават ураанына айкашкан элдик толкундоолордун орус ээликтери болгон Кожент, Олуя-Ата, Токмок уезддерине болгон таасирлери, а түгүл көтөрүлүшчүлөрдүн Шабдан Жантай уулуна байланышууга аракеттери жөнүндө көптөгөн булактар маалымат берет. Көтөрүлүш «…Кокон хандыгын гана эмес, Түркстандын бир катар аймактарын каптап кетти», – деп жазат К.П. Кауфман. (Караңыз:ӨзБМА. – 1-ф.-34-оп. – 346-иш. – 139-барак).
Бул кырдаалда К.П. Кауфман Орусия ээлигине кирген Түркстан тургундарына үндөө менен кайрылып, аскер күчтөрүн даярдоого буйрук берген. Натыйжада 5000 солдаттан, артиллериядан жана казак-орустардан турган жазалоо аскери түзүлгөн. Баш командачылыкты К.П. Кауфман өз колуна алып, тиешелүү бөлүктөргө генералдар: Головачев, Троцкий, Бардавский, полковниктер: Скобелев, Меллер-Закомельский, Аминов командалык кылышкан. Армияда орустарга кызмат өтөгөн казак, кыргыз, өзбек жигиттери да болгон. 20-августта Коконго жүрүштү баштаган жазалоочу аскер хандыктын эң бекем сепили саналган Махрамда 30 миңдей кыргыз жана кыпчак коргонуучуларга 22-август күнү катуу сокку урган. Эң алды менен Абдрахман майдандан чыгып, Махрам чебинде камалып жаткан Полот хан да кармаштын тополоңунда качып кетүүгө үлгүргөн.
Махрамдын кулашынан кийин көтөрүлүштүн башында тургандардын жолу айрылган. 26-августта Насирдин хан К.П. Кауфмандын алдынан тосуп чыгып, натыйжада 23-сентябрь күнү экинчи жолку (1868-жылдан кийинки) орус-кокон келишими таңууланган. Келишим иш жүзүндө Кокон хандыгынын Орусияга вассалдык мамилесин дагы бир жолу ырастап, Наманган, Касан, Аксы, Ала-Бука чөлкөмдөрүн камтыган Орусиянын жаңы ээлиги – «Наманган бөлүмү» түзүлгөн. (Караңыз: ЦГВИА ВУА фонду. – 6874-иш.-37-барак). Бул бөлүм өзүнүн географиялык жайланышы менен Орусиянын басып алуусунун улантылышына, бүтүндөй Фергана өрөөнүн, анын ичинде түштүк Кыргызстанды орус империясына каратууга эң ыңгайлуу өңүт болгон. Бөлүмгө жаңы эле генерал чинин алган М.Д. Скобелев башчы болуп дайындалган. Орус аскерлери Маргалаңды ээлеп, М.Д. Скобелев көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктоого жөнөгөн. Миң-Дөбөдө азыраак кармашкан жазалоочулар 10-сентябрь күнү Ошко киришкен. Ош шаары кыргыздар тарабынан өтө жогору бааланчу. Алар Ошту өзүлөрүнүн борбору катары санап, анда хан сарбаздары турган эмес. (Караңыз: Военные действия против кокандцев…//ВС.-1876. -№ 2. – 2-бөлүк. – 211-бет; Терентьев М.А. История завоевания… -Т.2. – 366-бет; Абаза К.К. Завоевание Туркестана… – 238-бет.) Шаар башчысы дайыма кыргыздардан болушу салтка айланып, кыймылдын алдында бул кызматта Абдылдабек иштеген.
Ошто азыраак токтогон М.Д. Скобелев Аптабачыны мындан ары кубалоонун зарылчылыгы жок деп эсептеп, 13-сентябрда Маргалаңга кайтып кеткен.
Тарыхый булактарга караганда бул мезгилде Махрамдан качышкан Абдрахман аптабачы жана Полот хан Жалал-Абад чөлкөмүндө кайрадан жолугушуп, орус баскынчылыгына каршы мындан ары бирге күрөшүүнү чечишкен. Полот хандын айланасына кыргыз урууларынын бийлери жана уруу башчылары Абдылдабек, Оморбек, Асанбек, Сулайман удайчы, Исфандияр, Орозаалы, Болотбек, Багышбек, Молдо Жолдош, Кийикбай паңсат, Мырзакул, Жармат, Амал эшик агасы, Шамырза жана башкалар чогулуп, 1875-жылдын 27-сентябрында Анжыяндын жанындагы Ботокара кыштагында Искак Полот хан аты менен экинчи жолу хан көтөрүлгөн. Ушул окуядан кийин көтөрүлүштүн башында чыныгы жетекчи Искак-Полот хан туруп, эми ал көтөрүлүштүн мизин бир эле учурда Насирдин бекке да, орус баскынчылыгына да каршы багыттай алган.
Сентябрдын аягынан кыймылдын борбору Анжыян шаарына ооп, Полот хан менен Абдрахман аптабачы Анжыянга 60-80 миңдей кол топтогон. Көтөрүлүшчүлөрдүн курамында кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик жана башка көчмөн жана отурукташкан элдин өкүлдөрү бар эле. Бул зор күчтү талкалоо үчүн генерал В.Н. Троцкийдин 1-3-октябрлардагы штурму ийгиликке жеткен жок, көтөрүл үшчүлөр Анжыян шаарын коргоп кала алган, ал түгүл кай бир изилдөөлөргө караганда орус жазалоочулары катуу сокку жеген. (Караңыз: Павлов С., Рабинович М. Кокандское восстание (1875-76 гг.) //Борьба классов.-1936.-№4. – 47–56-беттер.) Бирок, Полот хан 4-5-октябрлардагы түнкү кармашта бутунан оор жарат алат. Ушул окуядан кийин гана жазалоочулар 8-октябрда Наманганга зорго жетишкен. Анжыяндагы кармаштын жыйынтыгы, андан кийин орус аскерин куугунтуктоо көтөрүлүшч үлөрдү шыктандырып, алар жогорку активдүүлүккө өткөн. Кокон шаары толкундап, ачылган дарбазалардан каптап кирген атчандар 9-октябрда хан ордосуна чабуул коюшкан. Насирдин хан 60 кишиси менен Кожентке качып, көтөрүлүшчүлөр Султан Муратты колго түшүрүшкөн да хан ордосун ээлеп алышкан.
Ошентип, элдик кыймылдын 1875–76-жылдардагы экинчи мезгилинин биринчи баскычы аяктаган. Бул мезгилде болуп өткөн окуялар максаты боюнча биринчи мезгилдегидей (1873–74) эле адилетсиз хан бийлигине каршы күрөш бойдон кала берген. Бирок, август айында орус аскерлеринин Ферганага басып киришине байланыштуу кыймыл антиколониялык мүнөзгө өткөн. Махрам салгылашуусу, Фергана өрөөнүнүн жарымынан көбүрөөк бөлүгүнүн орус аскери тарабынан басылып алынышы, ал фактыны Насирдин бектин таанышы жана 23-сентябрдагы Кокон хандыгы үчүн протектораттык орус-кокон келишимине кол коюшу, Наманган чөлкөмүнүн орус ээлигине өтүшүнө кокон бийлигинин расмий макул болушу, Искактын Полот хан аты менен 27-сентябрдагы экинчи жолу хан көтөрүлүшү жана анын боштондук күрөш баштаган аракеттери, Анжыян салгылашуусундагы ийгиликтер, Кокон ээликтерин орус баскынчыларынан убактылуу бошотуу, Насирдин хандын куулушу жана башка мына ушул сыяктуу фактылар муну далилдеп турат.
Полот хандын акыркы аракеттери жана орус аскерлеринин Эки-Суу арасына согуштук жүрүшү
1876-жылдын октябрь-декабрь айларында Асаке шаарында турган Полот хан азыраак болсо да хандык бийлик жүргүзгөн. Курамалык Абдымомун, найман уруусунан Сулайман удайчы, Алымбек датканын уулдары Абдылдабек, Мамытбек жана Асанбек, адыгинелерден Оморбек датка, кесек уруусунун бийи Молдо Касым, абагаттардан Орозаалы, бостон уруусунан Муса Молдо сыяктуу кыргыз бийлери жана бектери, кожо тукумдарынан Вали хан төрө, Ишекан төрө, Батыр төрө, хан тукумдарынан Абдыкапарбек, Абдыкеримбек, Календербек кайнатасы Музаффар Шаа сыяктуулар Полот хандын жакын жанжөкөрлөрү жана пикирдештери болушкан. Искак-Полот хан административдик башкарууда өзүнүн ишенген адамдарын жогорку кызматтарга койгон. Абдылдабекти Кокон шаарына бек, Абдымомунду өзүнө биринчи наиб жана баш командачы, Ишекан төрөнү Анжыян шаарына бек, Шамырза датканы Анжыян вилайетине аким, ага Жармат датка менен Амал эшик агасын жардамчы, Вали хан төрөнү Маргалаңга аким, Абдыкапарды Оро-Төбөгө бек, Батыр төрөнү Коргон-Төбөгө бек дайындаган. Курманжандын уулдары Асанбек менен Мамытбек, адыгине бийи Оморбек датка, Кийикбай паңсат ар түрдүү согуштукадминистративдик кызматтарга коюлган. «Кыргыздар, – деп жазат Н. Корытов, – Полот хандын башкы күчтөрүн жана таянычын түзүшкөн да, алар акырындык менен хандыктын чыгыш жагын башкарууну өз колуна алышкан». (Караңыз: Корытов Н. Самозванец Пулат хан.// Ежегодник Ферганской области за 1902 год. – Новый Маргелан, 1903. – № 1. – 27-бет.)
Чынында хандыктын чыгыш жагында гана эмес, түштүк жана түштүк-батыш тоо этектеринде, хандыктын мерчемдүү кызмат орундарында кыргыз өкүлдөрү бийлик кылгандыгын булактар тастыктайт. Полот хандын туруктуу кошууну негизинен атчандардан түзүлүп, анын саны 12 миңге жеткен. Кошуундун негизги бөлүгү «Кокон хандыгындагы эң тынчы жок элемент» саналган кыргыздардан жана кыпчактардан куралган. Тилекке каршы, аз гана мезгил хандык бийлик жүргүзгөн Полот хан бир аз саясий-административдик иштерди жасоого үлгүргөнү менен, экономикалык жана социалдык иш чараларды аткара албаган. Ошондой болсо да анын өз атынан акча чыгара баштагандыгы (Караңыз: Иноятов Х. Кикон хонлиги Россияга кушилиши арофасида. 1875–76-йиллардаги Кукон кузголони. – Тошкент, 1956. – 31-бет.) мамлекет символдорунун элементтерин да киргизүүгө аракеттенгендигин билдирген.
Кырдаалдын татаалдыгына, Искактын бир эле учурунда Насирдин бекке, Орусия баскынчылыгына жана Аптабачынын жамаатына каршы күрөшүнө байланыштуу анын душмандары да көп болгон. Ошондуктан Искактын 1875-жылдын 10-октябрынан баштап 1876-жылдын январына чейин бийлик жүргүзгөн мезгилинде чынында эле өлүм жазасына тартуулар, репрессия күчөп кеткен. Бул аракеттер көптөгөн расмий булактардын, ал түгүл совет тарыхчыларынын көрсөткөнүндөй Искактын реакциялыксаясий багыты эмес, тек гана 10-октябрда колго тийген жеңишти сактап калууга болгон далаалаты эле. Катаал шарт, айыгышкан күрөш Искакты мындай кадамдарга айласыздан түрткөн.
Октябрь-ноябрь айларынын ичинде М.Д. Скобелев менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда Наманган тарапта айыгышкан күрөштөр жүргөн. Бул кармаштарда М.Д. Скобелевдин, Меллер-Закомельскийдин, Пичугиндин отряддарынын кыргындары архивдик булактарда кенен айтылат. Пичугиндин отряды Наманган-Кожент жолундагы Сыр-Дарыя кечүүсүндө, Ак-Жар кыштактарынын айланасында, 18-ноябрь күнү Ашоб кыштагында көтөрүлүшчүлөрдүн жана карапайым тургундардын катуу каршылыгына дуушар болот. «Коргонуучулар тосмолордон, өңүттүү тешиктерден» таш, кыш, кесек ыргытышып, ал турсун колуна бычак, союл кармаган «аялдар да солдаттарга жулунушуп» жатышты, кыштактын тургундары» эч кандай ырайым сураган жок, … баарын кырып салууга» жана кыштакты өрттөп жиберүүгө туура келди», – деп жазат полковник Пичугин өзүнүн рапортунда. (Караңыз:ӨзБМА – 715-ф. – 1-оп. – 65-иш. – 200–201-барактар.)
Кай бир ийгиликтер болсо да начар куралданган көтөрүлүшчүлөр акырындап Нарын дайрасынын сол жээгине чегинүүгө аргасыз болгон. Декабрдын башында майдан эми Нарын дарыясынын сол жээгинен баштап Кокон хандыгынын ээликтерине өткөн. Ноябрь айынын акырында Полот хан Асакеден Маргалаңга көчкөн. Себеби, Маргалаңдын калкы көтөрүлүшчүлөрдү толук колдоп, анын үстүнө ал шаар Коконго да, орус аскери басып кирчү Махрам чебине да жакын эле. 14-декабрда Полот хан зор шаан-шөкөт менен Кокон шаарына кирген. Аны шаардын калкы, Мазанник айылынан ордого чейин килем төшөп салтанаттуу тосуп алган.
Мындай кырдаалда активдүү чараларга өтүү зарылдыгын сезген К.П.Кауфман «кокон маселесин» тезинен чечүү үчүн 6-декабрь күнү Петербургга жөнөп кетти. Бирок буга чейин эле Согуш министри Милютин Кокон хандыгын жоюу чечимине келген болучу.
1875-жылдын 25-декабрынан 1876-жылдын 5-январына чейин болуп өткөн Эки-Суу-Арасына болгон кандуу жүрүш Фергана өрөөнүн жана Кыргызстандын түштүгүн Орусия тарабынан каратуунун эң кайгылуу барактарына кирет. К.П. Кауфман жана М.Д. Скобелев демилгечи болгон бул жүрүштүн негизги максаты негизинен Эки-Суу-Арасында отурукташкан тынчы жок көчмөндөрдү так кыш мезгилинде, алар кыштоолордо олтурганда талкалоо эле. Бул жүрүшкө К.П. Кауфман өзгөчө стратегиялык маани берип, «… Кокон хандыгын толук ээлөөнүн негизги шарты – көчмөн жапайы күчтү ооздуктоо болуп саналат», – деп жазган К.П. Кауфман. (Караңыз: Терентьев М.А. История завоевания… – Т.2. – 383-бет.; ЦГВИА РФ. – 1393-ф. – 1-оп. – 85-иш. – 690-барак жана анын арты.) Эки-Суу арасындагы согуштук жүрүштүн хроникасы булактарда жана орус офицерлеринин билдирүүлөрүндө кеңири берилген. (Караңыз: Военные действия…//ВС.–1876. – № 8. – 2-бөлүк. – 129–138-беттер; Серебренников А. Кокандский поход 1875–76 гг…. – 51–89-беттер; Терентьев М.А. История завоевания… – Т.2. – 390-бет; Макшеев А.И. Исторический обзор… – 340–341-беттер; ЦГВИА РФ.-ВУА фонду. – 6877, 6882-иштер; ӨзБМА. – 715-ф.-1-оп. – 68иш. – 83–93-барактар.)
26-декабрдан башталган жүрүш Чөжө, Балыкчы, Сармак, Кожо-Абад, Пайток, Тода, Шор-Арык, Хакул-Абад, Өлмас, Жети-Кашка, Табылды, Мир-Абад, Жанабад, Майгыр, Төрт-Көл, Чувама, Аптабачынын медресеси, АкМазар, Лугумбек, Избаскен, Бүргөндү, Ботокара, Массы, Такачы, Чоң-Багыш, Кара-Жантак, Хайрабад, КоконКыштак, Жаңгыз-Бак жана башка кыргыз, кыпчак жана өзбек тургундарынын айылдары, кыштактары тыптыйпыл талкаланган. Качкандан калган кары-картаң, жаш балдар, аялдар кырылган. Токмок уездинен түштүк туугандарына жардамга келген Субан деген жигиттин кошууну менен кагышуу болгон. Эки-Суу арасына жүргүзүлгөн жазалоо экспедициясы Фергана тарыхында өзүнүн мыкаачылыгы жана геноциддик мүнөзү жагынан орус баскынчылыгынын башка мисалдарынан алда канча ашып түшөт. Муну М.Д. Скобелевдин «… Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин жана кесилген баштын санына түздөнтүз байланыштуу. Сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот…», – деп жазганы тастыктап турат. (Караңыз: Адам (Жюльетта Ламбер). Генерал Скобелев.-СПб.,1886. – 29-бет.) Экспедициянын активдүү катышуучусу А.Н.Куропаткин бул жүрүштү күндөлүгүндө мындай деп эскерет: «… биздин алдыбызда жолуккан айыл-кыштактардын баары өрттөлүүгө буйрук берилип, артыбыздан буралган түтүн гана калып олтурду. М.Д.Скобелев артын карап, жалпы көрүнүшкө ыраазы болуп жатты. …жем-чөп алабыз деген шылтоо менен солдаттар колго тийген нерсенин баарын – төшөктөрдү, килемдерди, ала кийиздерди, малды, аттарды, китептерди, жарактуу шаймандарды алып жатышты… Бир кенже офицер жана жоон топ солдат аялдарды зордуктап, балдарын мууздап жаткан жеринен кармалды…» (Караңыз: Павлов С., Рабинович М. Кокандское восстание… – 54-бет.) Мындай үрөй учурган эпизод, чынында, орус баскынчылык жүрүштөрүндө кем учурачу. Ошондой болсо да бул жүрүштө мындай ыкма колдонулгандыгын орус генералы өзү тастыктап олтурат.
Эки-Суу-Арасындагы кандуу жүрүштү 5-январда аяктаган орус аскери демилгени суутпай 8–10-январда Анжыянды ээлеген. Айрым булактарга караганда Анжыян шаарын алууда 20 миңдей адам өлгөн. Алардын дээрлик көпчүлүгү шаардыктар менен чет-жакадагы кыштактардан шаарга корголоо үчүн келишкен караламан тургундар болучу.
Көтөрүлүшчүлөрдүн Анжыян салгылашуусунда жеңилип калуунун бир себеби алардын лагериндеги пикир келишпестиктер болучу. Анжыянда Абдрахман аптабачы өзүн аким катары эсептегендиктен Полот хандын шаарды коргоону уюштурууга жиберген өкүлдөрү Эшболот менен Амал эшик агасына баш ийген эмес. Алардын аракеттерине каршылык көрсөтүп, ал турсун 8-январь күнү, чечүүчү салгылашуу башталар алдында өзүнүн жан-жөкөрлөрүн алып, Асаке тарапка качып кеткен.
Салгылашуудан кийин көтөрүлүшчүлөрдүн зор таянычы болуп келген Анжыянды жоготуу, аларга катуу таасир тийгизсе да, кыймылдын Полот хан баштаган жетекчилери мүңкүрөп калбады, алар эми Маргаланда кармашка даярдана беришти. Абдрахман аптабачы баштаган топ активдүүлүгүн ушул мезгилден баштап биротоло жоготту. Анын жан-жөкөрлөрү жана аларды ээрчип Анжыяндан качып чыккан 12 миңдей кошуун 10-январдан баштап Кува кыштагына жайгашты.
Январдын орто ченинде Полот хан Маргалаңда туруп, көтөрүлүшчүлөрдүн кыймылын көзөмөлдөп жатты. Айдын 12леринде Наманган бөлүмүндө толкундоолор кайра башталды. 10-январда Анжыяндан Наманганга жөнөп кеткен А.Н.Меллер-Закомельскийдин отряды Чөжө, Кепе кыштактарында Төрө-Коргондон кол курап келген Исфандиярдын кол салуусуна туш болду. 15-январда Чуст, Тода, Самга, Аксы кыштактарында толкундоолор башталды. А.Н.Меллер-Закомельскийдин аны жазалоого чамасы жетпеди. Ал М.Д.Скобелевдин тапшырмасы боюнча Намангандан резерв күчтөрдү жана ок-дары алып, Анжыянга жетип баруусу тийиш болучу. Ошондуктан А.Н.Меллер-Закомельский 18-январда Намангандан кайра артка тартты.
Январдын орто ченинде Сыр-Дарыянын Кожентке жакын оң жээктериндеги Камыш-Коргон, Чилмайрам чөлкөмдөрүндө 200дөн 2000 кишиге чейин көтөрүлүшчүлөрдүн бир нече тобу аракеттенип жаткан. 16-январь күнү алар Громов деген орус көпөсүнүн кербенине кол салып, анын 350 жүктүү төөсүн олжолоп, 50 адамын жана бир нече сакчы жигиттерин туткундашкан. Кожент уездине караштуу чөлкөмдөрдө Абдыкапардын уулу Акбото жетектеген 150 атчан жигиттен турган топ Зеравшан уездинин башчысынын жардамчысы Муратбекти бир нече жигити менен колго түшүрүшкөн.
Көтөрүлүштүн негизги күчтөрү эми Асакеге чогулду. 16-январда Абдрахман аптабачы 15 миңдей кол менен Асакеге келип түштү. Полот хан менен макулдашкан Аптабачы дал ушул жерде жазалоочулардын мизин кайтарууну чечти. Анжыян-Асаке жолунун орто ченинде, Анжыяндан 10 чакырым аралыктагы Шахрикан-Сай өзөнүндөгү көпүрөнү бузуп, жолдорго тосмолорду коюшту. Абдрахман Анжыян тургундары менен да байланышып, алардын тылдан аракет жүргүзүүсүн суранды. Натыйжада, шаар калкы түтүнгө бир дилдеден берип жатышкан контрибуцияны чогултууну токтотту. Кыштактарга качып кетишкен тургундардын шаарга кайтуусу басаңдады, тескерисинче, шаардан чыгып кетүүлөр көбөйдү, шаар калкын «кармаш кайдан башталат экен» деген күбүр-шыбыр сөз аралады. Мындай абалда эми эле каратылып алынган Анжыяндын калкынын кайрадан көтөрүлүүсүнөн, Аптабачынын кырдаалдан пайдаланып, чабуул жасоосунан чочулаган генерал М.Д.Скобелев Асакеге карай жүрүштү озунуп баштоону чечти да, 18-январь күнү эрте 4 замбирек, 8 ракеталык станок менен күчтөлгөн чоң отрядды жетектеп, Анжыяндан чыгып кетти.
Аңгыча Асакеде кармаш башталды. Салгылашуу шаардын ичинде болгон жок. Аптабачынын атчандары алыс атар мылтыктардын жана замбиректердин огунан орус отряды менен жакындан кармашууга мүмкүнчүлүк ала алышпады, 400дөн ашуун кишисин жоготуп, Маргалаң багытына чегинүүгө аргасыз болду. Көтөрүлүшчүлөрдү Нияз-Батыр кыштагына чейин кууп барышкан жазалоочулар бош калган Асакени ээлеп алышты. Эки күн шаарды каалаганча тоногондон кийин М.Д.Скобелевдин армиясы Анжыянга кайтты.
Элдик кыймылдын эң жогорку чеги болгон баскычтын (1875-жылдын 10-октябрынан 1876-жылдын башына чейин) негизги жыйынтыгы Кокон хандыгынын бийликке келген акыркы өкүмдары Искак-Полот хандын саясыйадминистративдик ишмердиги эсептелген. Искактын хан тактысын ээлеши элдин мүдөөсүнө төп келип, бул окуя ошол эле учурда ордодогу бийликтин кадимден келаткан тең салмактуулугун калыбына келтирүү да болгон. ХIХ кылымдын орто ченинен ордодогу бийликке Нүзүп, Мусулманкул, Алымбек, Алымкул сыяктуу кыргыз, кыпчак көчмөн бийлери аралашып келишкендиги маалым. Алымкул өлгөндөн кийинки он жылдын ичинде кыргыз бийлери ордо бийлигине аралашпай, ага жетүүгө бир катар аракеттер болгондугу белгилүү. Бул саясый аракеттер Полот хандын бийликке келиши менен ишке ашкан. Мындан ары Кокон хандыгынын тарыхы жаңы бийликтин алкагында уланмак.
Бирок, кырдаалдын татаалдыгы, согуштук абал, орус баскынчыларына каршы күрөштөрдөн жапа чеккен мамлекеттин экономикалык базасынын төмөндүгү, көтөрү лүшчүлөрдүн тоодой демилгесин суутуп, колго тийген бийликти жана тынчтыкты сактап калууга шарт түзө алган жок. Ошондуктан Полот хандын хандык бийлиги негизинен жырткычтык менен басып келе жаткан Орусия империясынан коргонуу, жаңы бийликти жактырбаган ички душмандардын каршылыгын басуу менен гана чектелип калган.
Бул этапта кыймылдын социалдык курамы, масштабы кеңири бойдон калып, көтөрүлүш төмөндөн жогору, жөнөкөйдөн татаалга карай прогрессивдүү өнүгө берген. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчтөрүндө анын улуттук курамы олуттуу мааниге ээ болгон. Документтер көрсөткөндөй кыймылга кыргыздар, өзбектер, тажиктер, кыпчактар жана башка этникалык топтор кеңири катышкан. 70-жылдардын аягында Фергана облусуна илимий иштер менен келген академик А.Ф.Миддендорфтун берген маалыматтарына караганда өрөөндөгү 15-40 жаштагы тургундарда эркек адамдардын саны кескин азайып кеткен. Анын себебин окумуштуу 1875-жылдагы көтөрүлүштү басууда курал көтөрүп жүрө ала турган эркектердин көбү өлүмгө учурагандыгы менен түшүндүрөт. (Караңыз: Миддендорф А.Ф. Очерки Ферганской долины. – СПб., 1882.; Усенбаев К. Присоединение…//История Кыргызстана…– Бишкек, 1995. – 272-бет.).
Акыркы кармаштар жана Кокон хандыгынын жоюлушу Искактын өлүмү
Асакедеги кармашта жеңилип калган Аптабачы жанжөкөрлөрү менен 24-январь күнү Батыр төрө, Исфандияр, Арзыкул бек, Нурмухаммед датка, Калыгул парваначы, Казымбай эшик агасы баш болгон 26 аттуу-баштуу бийлер жана бектер болуп, 400 жигити менен М.Д. Скобелевге багынып берген. Бул факты көтөрүлүштүн максатын акыркы күнгө чейин ыйык санаган Полот ханга өтө катуу сокку болгон.
Абдрахман аптабачынын жеңилишинен кийин көп улуттуу кошуундун таркап кетиши, акча каражатынын жоктугунан жана Полот ханга караштуу ээликтердин кескин кичирейишинен жаңы кол топтоого, ага курал-жарак берүүгө мүмкүн эместигинен, хандыктын карамагында турган негизги шаарлардан болуп эсептелинген Кокондун жана Маргалаңдын тургундарынын арасында жеке кызыкчылыгын гана ойлоп, Насирдин бек менен байланыш түзүүгө аракеттенип, көтөрүлүштүн ишине кутумдук кыла баштаган топтордун пайда болушунан, Асаке окуясынан кийин Полот хан Маргалаңда калууну ылайык көргөн эмес. Бул кырдаалды орус бийликтери: «Отурукташкан сарт калкы бизге кыңк этпестен баш ийүүнү ушунчалык билдирди, алар бизге каршы элементтерди колдобой калгандыктан, Абдрахман аптабачынын багынып беришинен кийин Полот хан өзүнүн кара-кыргыздарынан турган козголоңчуларын алып Маргалаңдан чыгып кетүүгө мажбур болду», – деп сүрөттөйт. (Караңыз: Военные действия…// ВС.-1876. – № 8. – 2-бөлүк. – 169-бет.)
Көп узабай 5 жез замбиректен башка куралды Маргалаңда таштоого аргасыз болуп, бир аз байлыгын гана алган Полот хан, 400 сарбаздын жана миң сыпайдын коштоосунда шаардан чыгып кетти да, бир аздан кийин Кожо-Магыз мазарына токтоду. Бул жерде согуштук кеңеш өткөрүлдү. Анда кээ бирөөлөр тоо арасындагы айылдарга барып күч топтоп, кайра жазда кармашты улантуу керек дешсе, кай бири Коконду ээлөө зарыл деген сунуш киргизген. Полот хандын кайын атасы Музаффар Шаа баш болгон айрым адамдар Үч-Коргондо ыңгайлуу учурду күтүп туруу керектигин сунуштады.
Музаффар Шаанын бул сунушунда жеке кызыкчылык да бар эле. Ал Полот хандын күчү менен Каратегин өрөөнүндө бийликте олтурган агасы Раим Шаадан бийликти тартып алып, ал жерден күч топтоп, кийин Ферганага чабуул коюуну ойлогон. Кеңештин акырында Полот хан кайнатасынын пикирине макулдугун берип, 5 миң атчан, 700 сарбаз жана 5 замбирек менен Үч-Коргонго бет алды.
Бул арада Насирдин бек кыймылдын ар бир бурулушуна кылдат көз салып турган. Акыркы окуялар анын Кокон тагын кайра ээлөөгө болгон үмүтүн жандандырды. 22-январь күнү Насирдин бек чакан кошуундун башында, барон Р.И.Нольденин кийлигишүүсү менен Кожент шаарынан Коконго бет алды. Шаарга түз кирүүдөн айбыккан бек алгач өзүнүн такка олтургандыгы жөнүндө жар салдырды. Кыжырланган эл буга каршы жооп кылып, анын жарчыларынын 11 кишисин өлтүрүп таштады. (Караңыз:ӨзБМА. – 715-ф. – 1-оп. – 66-иш. – 210-барак.)
Насирдин бек Кокондон алыс эмес Найманча кыштагында шаарга тынымсыз тыңчыларды жиберип, өзүнө жактоочуларды издеп, 23-январдан 27-январга чейин ыңгайлуу учурду күтүп жатты. Бирок, Полот хандын дайындоосу менен Коконго бек коюлган Абдылдабектин жигиттери Насирдин бектин кошуунун талкалап салды. 200дөн ашык адамын жоготкон Насирдин миң киши чамалуу кошууну менен Махрамга кайра качты. Бирок, Насирдин бектин Кокондогу жактоочулары
Абдылдабектин Полот хандын күчтөрүнө кошулуу үчүн Үч-Коргонго жөнөп кеткендигинен пайдаланып, шаарда козголоң чыгарып жиберишти да, Махрамга киши чаптырышты. Ошентип, 30-январь күнү Насирдин бек экинчи жолу азыраак мөөнөткө болсо да такка олтурууга мүмкүндүк алды. Бул сапар ал жети гана күн бийлик жүргүзгөн. (Караңыз: Терентьев М.А. История завоевания… – Т.2.– 405-бет.)
Орус баскынчылары менен кашык каны калганча күрөшүүнү чечкен Искак-Полот хан, анын жан-жөкөрлөрү жана ага берилген кыргыз жоокерлери 1876-жылдын февралында кыймылдын активдүү күчү катары сакталып турган. Кокон мамлекетинин тагдыры ал мезгилде Петербургда Орусиянын пайдасына чечилип, эми Полот ханды талкалоо гана калган. Ал эркиндикте жүргөндө Ферганада «бейкуттукту» орнотуу мүмкүн эмес экендигин орус бийликтери даана сезишкен. «Кыпчактар биздин соккунун салмагын сезип, багынып беришти. Ал эми Полот хандын кыргыздары али багыныша элек», – деп жазат тарыхчы М.А.Терентьев. (Караңыз: Терентьев М.А. История завоевания… – Т.2. – 394-бет.)
Элдик кыймыл жеңиле баштап, мындай кырдаалда активдүү чараларга өтүү зарылдыгын сезген К.П.Кауфман «кокон маселесин» тезинен чечүү үчүн 1875-жылдын 6-декабрь күнү эле Петербургга жөнөп кеткен болучу. К.П.Кауфман Согуш министри Милютин жана император Александр менен жакшы ымаласынан пайдаланып, чет иштер министрлигинин макулдугусуз эле Кокон мамлекетин жоюп, анын ээликтерин Орус империясына кошуп алууга уруксат алган. 2-февраль күнү бул жөнүндө Ташкентке телеграмма жиберген. Анда Кокон хандыгын ээлөө, хандыктын ордуна Фергана облусун уюштуруп, анын башчылыгына М.Д.Скобелевди дайындоо жазылган. Кокон мамлекетин жеңип алуучу катары тарыхта калуу үчүн карөзгөйлүк максат менен М.Д.Скобелев Коконду баарынан мурун ээлөөгө ашыккан. Натыйжада Кокон ордосу 1876-жылдын 8-февралында М.Д.Скобелев тарабынан биротоло ээленген. Хандыктын жоюлушу жөнүндөгү расмий указга Александр II өзүнүн мындан 22 жыл мурун такка олтурган күнүндө – 19-февралда кол койгон. (Караңыз: ОБМСТА. – 1291-ф.-82-оп.-3-иш. – 1–2-барактар.) 1709–1876-жылга чейин 167 жыл өмүр сүргөн Кокон хандыгынын жоюлушу экинчи жагынан 1873–76-жылдардагы Элдик кыймылдын бирден бир жыйынтыгы катары да кароого болот.
Генерал М.Д.Скобелев Полот хандын акыркы күчтөрүн талкалоону А.Н.Меллер-Закомельскийге 26-январда эле тапшырган болучу. «Даңктуу жүрүш» демилгесине ээ болгон полковник А.Н.Меллер-Закомельский мүмкүнчүлүктү пайдаланууга ашыкты. 3 жылдан бери кармалбаган «инсургенттердин» башчысы жалган Полот хан алсырап, алдан тайып турганда «даңк алууга» эң ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Полковник А.Н.Меллер-Закомельский 26-январь күнү Полот ханды куугунтуктоого иниси флигель-адъютант ротмистр Меллер-Закомельскийди аттандырды. Анын максаты Асаке аркылуу Маргалаңга барып, Полот хан алып кете албай таштап кеткен артиллерияны олжолоо, мүмкүн болсо Полот хандын калган күчтөрүн талкалоо керек эле. Ротмистр Меллер-Закомельский жолдо орус командачысына кат алып келе жаткан Маргалаңдын амиринин чабарманына жолугуп, алардан Полот хан Алай өрөөнүнө чыгып кетүүгө даярданып, Үч-Коргон кыштагында өргүү алып жатыптыр деген кабарды алат да, 27-январдан 28-январга караган түнү Полот хандын чакан кошуунуна кол салат.
Бул жүрүштө жол көрсөтүүчү катары Аптабачы менен кошо орус бийликтерине багынып берген чыккынчы Исфандияр датка болгон. Активдүү командирлердин катарында капитан А.Н.Куропаткин да бар эле. Алар көтөрүлүшчүлөрдүн качуучу багыттарын тосушуп, капыстан чабуул коюшту. Натыйжада 5 замбирек, Полот хан менен анын наиби Абдымомундун байрагы, милтелүү 100 мылтык, Искактын жеке буюмдары жана 20 кой, 100 төө колго түшүрүлдү. Ондогон жигиттерин жоготкон Искак Исфайрам капчыгайы аркылуу Чоң-Алай өрөөнүнө качып кетти.
Ротмистр Меллер-Закомельскийдин отряды Маргалаң шаарынан алынган 15 замбиректи, хандын экипажын, Үч-Коргондо олжолонгон буюмдар менен туткундарды коштоп 29-январь күнү Анжыянга кайтты. Ошол күнү бир нече замбиреги менен көтөрүлүштүн дагы бир жетекчиси Турсункул колго түштү. (Караңыз: КырМА.-75-ф.-1-оп. -52-иш. -85-барак; Абаза К.К. Завоевание Туркестана…248-бет.) Ушуну менен Полот хандын жетекчилиги астында Орусияга каршы жүргөн теңдешсиз кармаштардын тизими аяктады, көтөрүлүштүн негизги борбору басылды.
Кокон хандыгынын тагдыры чечилип жаткан мезгилде Искак Алай тоолорунда болучу. Февраль айынын башында Дароот-Коргондо чачылган жигиттерин жыйнап жаткан Искакка Кара-Тегиндин беги Раим Шаа миңден ашуун атчандары менен кол салды, жакын санаалаш адамдары коштогон Искак Алайдын Шат капчыгайына баш калкалады.
Көтөрүлүштүн чыныгы жолбашчысы Искак эми чындап оор абалда калды. Кошуунунан, замбиректеринен, казынасынан, үй-бүлөсүнөн, жадагалса Абдымомун сыяктуу жакын жан-жөкөрлөрүнөн айрылды. Кышкы суукта тыным албаган жүрүштөрдө сынган бутунун кабылдаган жарааты да күчөп кетти. Чыккынчылык менен жанын сактап калууну көздөгөн Мырзакул, Бекжан сыяктуу адамдардын саткынчылыгы менен Искак баш калкалап жаткан үңкүр орус офицерлерине дайын болду. (Тейит уруусунан Мырзакул, тууганы Ботобек экөө тең орус бийликтерине жакшы кызмат өтөшүп, Маргалаң уездинде болуштук башкаруучу кызматына жетишкен. Бекжан болсо Алай козголоңун басууга орус аскерине жардам берген.) М.Д.Скобелев Искакты кармап келүү үчүн Алай тоолоруна маргалаңдык Мырзакул жана оштук Бекжан башында турган 30 кишилик топ жиберди. Алар тагдырга моюн сунуп, куугунчуларды каршылыксыз күтүп жаткан Искакты 19-февраль туткундашты. Адилеттүү өлкө курууну мүдөөлөп, бирок анысы ишке ашпаган элдик баатыр Искак Асан уулу Полот хандын колго түшкөн күнү, ошол өзү башкарган Кокон хандыгын жоюу жөнүндөгү указга падыша Александр IIнин такка олтургандыгынын 22 жылдыгы жана туулган күнүнө карата «олуттуу белек» катары кол койгон мезгилине дал келгени тарыхтын «келекеси» сыяктуу болгонун кара…
Анжыян шаарында түрмөдө сурак берген Искак К.П.Кауфмандын буйругу менен 1-март күнү эл жык толгон Маргалаңдын чоң базарында дарга асылган. ИскакПолот хан зор эрдик менен өлдү…
Тарыхый булактарда бул кайгылуу окуя төмөндөгүдөй сүрөттөлөт. Искак 29-февраль күнү өзүн өлүмгө буйруган өкүмдү тынч гана укту да, «хоп» деп коюп, кечки тамагын ичкенден кийин уктоого жатты. Эртеси аны даргага айдап жөнөштү. Искак эч нерседен кебелбей оорулуу бутунан сылтый басып, коштошкон сымал жыйылган элге кунт коё көз салып, жай басып келе жатты. Дарганын алдында баш кесерлер аны шаштырып, ийнинен чапчыганда Искак аларды четке кагып, каада менен: «Эмне шашасыңар? Менин бутумдун ооруп жатканын көрбөй турасыңарбы? Үлгүрөсүңөр!…» – деди да тепкичке өзү көтөрүлдү… (Караңыз: Хроника //ТВ. – 16-март. – 1976-жыл; Молдокасымтегин К. Искак Молдо…).
Искактын артынан Акимбек, Календербек жана башка белгилүү инсандар даргага асылган. Абдымомун, Батыр төрө баштаган көтөрүлүштүн жетекчилери март-апрель айларында Кожентке, андан ары Ташкентке айдалган.
Кокон хандыгынын жоюлушу жана Фергана облусунун түзүлүшү менен түштүк кыргыз урууларынын негизги бөлүгү – Аксы, Ала-Бука, Эки-Суу арасы, Арстанбап, Көк-Арт, Өзгөн, Куршаб, Кара-Кулжа, Алайку, Кара-Суу, Ноокат, Араван, Кадамжай, Сох, Исфара, Баткен, Лейлек жана башка чөлкөмдөр орус бийлигине баш ийип калышты. Бирок, Алай чөлкөмүнүн жана Фергана өрөөнүнүн кай бир түштүк тоо этектериндеги уруулар толкундоолорун токтотушкан жок. Ал түгүл жаңы көтөрүлүш очоктору пайда болуп жатты. Ири шаарларга орус бийликтеринин аскер бөлүктөрү жайгашып, элеттеги чоң-чоң кыштактарга гарнизондор коюлду. Расмий указдар чыга элек болсо да, иш жүзүндө 7 уезд: Наманган, Чуст, Анжыян, Ош, Маргалаң, Кокон, Исфара уюштурулуп (кийинчерээк алар 5 уезд болуп кайра түзүлүп, Чуст жана Исфара уезддери жоюлган), аларга убактылуу башкаруучулар дайындалды.
Абдылдабектин акыркы күрөштөрү жана Кыргызстандын түштүгүн каратуунун аякташы
Кокон хандыгын кан төгүү менен караткан М.Д. Скобелев 1876-жылдын 2-мартынан расмий түрдө Фергана облусунун аскер губернатору катары кызматын баштады. Хандыктын бай тактысы болгон Коконду облустун борбору катары таанууну орус баскынчылары саясий мааниде туура эмес деп чечишкен. Ошондуктан облустук башкарманын кеңсеси Маргалаңда жайгашты.
М.Д.Скобелев кандуу колун кургатпай, биринчи күндөн баштап көтөрүлүштүн саркындыларын жок кылууну көздөгөн. Себеби, Полот хандын куралдаштары болгон Алымбек датканын уулдары Абдылдабек, Асанбек, Оморбек, Сулайман бийлер жана башкалар чогулуп, Ош чөлкөмүнүн элин орус баскынчыларына каршы үндөп жаткан. Демек, 1873–76-жылдардагы Элдик кыймылдын экинчи этабы 1876-жылдын февраль айында кайрадан уланып, анын үчүнчү баскычы башталган.
М.Д. Скобелев 2000дей кишиден жана 10 замбиректен турган отряд менен марттын башында Ошту ээлеген, бирок Абдылдабектин күчтөрү Гүлчө тарапка ооп, көтөрүлүш кайрадан алоологон. Толкундоолор Үч-Коргон, Исфайрам чөлкөмдөрүнөн да чыгып, бул жерде Абдыкапарбек менен Валихан төрө аракеттенип жатышкан. Аңгыча Кудайкул белбакчы ханды кыргыздар хан көтөрүшкөндүгү, анын тегерегинде Полот хандын жан-жөкөрлөрү, орус баскынчылыгына каршы турган тургундар чогулгандыгы, алардын саны миңден ашып, Лаңгар кыштагында жайгашкандыгы, ал жерден Вуадил жана Чимион кыштактарын алууга даярдык көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат келген.
Алгач Кудайкулга чабуул коюлган. М.Д. Скобелев кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнө каршы кыргыздардын өзүн пайдаланууну ылайык таап, Бекжан менен Турсункулдун башчылыгында эки отряд аттандырган. Бирок, алар Алайда Абдылдабек тарабынан туткундалып, Турсункул гана бир нече жолдошу менен апрелдин ортосунда Маргалаңга араң кайтып келген. Валихан төрөнү кармап келүүгө жиберилген Сарымсак кожонун отряды да Абдылдабектин жигиттерине кабылып, эки күндөн кийин өзү мууздалган.
М.Д. Скобелев моюн сунбаган кыргыздарды талкалоого эми өзү аттанган. Ири салгылашуу Гүлчөдөн 25 чакырым түштүктө жайгашкан Жаңырык капчыгайында болуп өткөн. Капчыгайда Абдылдабек, Сулайман удайчы, Оморбек датка, Таныкулберди паңсат, Валихан төрө баштаган бир жарым миң чамалуу кыргыз көтөрүлүшчүлөрү таштан үч айланта чеп куруп, түп жагына лагерин жайгаштырган эле. Анда Курманжан датка да болгон. Абдылдабектин кошуунунда эч кандай замбирек, алыс атар мылтык жок эле. Түтөтмө мылтык да сейрек болуп, жигиттер негизинен кылыч, айбалта, найза, чокмор менен гана куралданышкан болучу.
Жаңырык капчыгайында коргонуп жаткан Абдылдабектин кошуунун талкалоонун алай кыргыздарын орус букаралыгына өткөрүүдө гана эмес, Фергана өрөөнүндө орус бийлигин бекемдөөдө да чоң мааниси бар эле. Ошондуктан М.Д. Скобелев бул кармашты өтө тыкандык менен уюштурду. Коргоочуларга 200 метрдей аралык калганда кармаш башталды. Алгач оң, сол бөлүктөр кыргыздардын жан аябаган ташбараңына карабай, мылтыктын жана М.Д.Скобелевдин колоннасынан атылган ракеталык станоктордун огунун күчү менен капчыгайдын эки тарабындагы кыргактар ээленди. Капталдагы колонналар ыңгайлуу өңүт алышып, чабуул башталган кезде М.Д. Скобелевдин колоннасы штурмга чыкты да, биринчи коргонуу чеби алынды. Ушундай эле ыкма менен экинчи жана үчүнчү коргонуу тизимдери алынгандан кийин мөндүрдөй жааган окко туруштук бере албай, мындай кармашты мурун көрбөгөн, «кара-келтек» кыргыз кошууну түшкө чейин созулган катуу салгылашуудан кийин чегинүүгө аргасыз болду. Курманжан датка баштаган улгайган адамдарын алдыга жөнөтүп, коргоно кармашып олтуруп, Абдылдабек Алай тоолорунун бийик жайлоолорун карай чегинди. Кыргыздардан 150дөй киши набыт болду, туткунга 3–4 киши гана түштү. 8 фальконет, 80 мылтык, 3 байрак орустардын колунда калды. М.Д.Скобелевдин отрядынан 24 киши өлдү жана жарадар болду. (1876-жылдын 25-апрелиндеги Жаңырык салгылашуусунун жүрүшү ОБМСТАнын 1396-фондунун 2-описинин 97-ишинин 56–64-барактарынан алынды.)
Жеңилүүгө карабай кыргыздар толкундоолорду уланта беришкен. Алай тоолорунун батыш элеттеринде абагат уруусунун бийи Орозаалы, коженттик кыргыз Каракозу, тажиктерден исфаралык Хабиб эшен жана өзбектерден кокондук Калма-Юнус, лейлектик кыргыздардын абагат уруусунан Абдырахман, Осмон жана Эрманбет паңсат жетектеген козголоңдор катталган. Ноо жайлоосунда ичкиликтердин нойгут уруусунун бийи Молдо Ашырдын жетекчилигиндеги 600дөй жигит 23-июнда Лящевский менен Сполатбогдун чабуулдарын токтотушкан жана аларды чегинүүгө аргасыз кылышкан. (Караңыз: К истории Кокандского похода.//Военный сборник.-1897.-№9.-1-бөлүк. – 27–28-бб.)
М.Д. Скобелевди айрыкча Абдылдабектин тобу кызыктырган. Себеби, анда көтөрүлүшчүлөрдүн саны көп эле. Анын үстүнө Абдылдабек башка кыймылдарды координациялап турган. Июлдун биринчи жарымында анын колу эки миңден ашып, ага Абдыкеримбек кошулган. 12-июлдун түнү көтөрүлүшчүлөрдүн бир бөлүгү Гүлчөдөгү орус аскерине кол салып, анда капитан А.Н. Куропаткин колунан оор жарадар болгон. Бул кырдаалда М.Д. Скобелев бир нече отряддын коштоосунда Абдылдабекке каршы жөнөгөн. Анын отрядында орус генералдарынын чакыруусу менен Түштүккө келген Шабдан Жантай уулу жана анын 25 жигити да бар эле. М.Д. Скобелев, Абдылдабекти үгүттөө менен баш ийдирүүгө аракеттенип 21-июлда багынып берүүнү талап кылган кат жиберген, алайлык 19 уруу башчысына 27 нускадан турган чакырыктарды тараткан.
Генерал М.Д. Скобелев Абдылдабектин колун талкалоо үчүн эң негизгиси өрөөндөгү жана элеттеги кыргыз айылдары менен анын байланышын үзүүгө аракеттенди. Алай тоолорунан төмөн Фергана өрөөнүнө келүүчү бардык жолдорду тосуп, Костакозго, Исфарага, Сохко, Вуадилге, Үч-Коргонго, Ноокатка чакан отряддарды жайгаштырды. Анжыян, Ош, Гүлчө гарнизондорунан бир нече тез көчмө отряддар уюштурулду. Отряддардын жалпы жетекчилигине полковник Меллер-Закомельский дайындалды. Өзү Абдылдабектин күчтөрүнө тике барууну максат кылып, 200дөй аскер, 1 тоо замбиреги жана 2 ракеталык станок менен Оштун Ак-Буура капчыгайы аркылуу тоо арасына жөнөдү. Мындан башка М.Е.Ионовдун отрядын сол тарап тан Талдык ашуусу аркылуу, Витгенштейндин отрядын оң тараптан Кызыл-Коргон аркылуу Абдылдабектин тылынан чыгууга аттандырды. Анын отрядында орус генералдарынын чакыруусу менен Түштүккө келген Шабдан Жантай уулу жана анын 25 жигити бар эле. (Караңыз: Терентьев М.А. История завоевания… – Т.2. – 416-бет.)
М.Д. Скобелев алай кыргыздарын каратуу үчүн «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштуруу керек деген пикирге май айында эле келген болучу. Андан берки окуялар жүрүштүн 22-июль күнү башталышына ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Анын түштүк кыргыздарын биротоло орус колонизаторлорунун алдында тизе бүктүрүүнүн иш жүзүндө аткарылышына зор мааниси болгон. Ошондуктан алгач М.Д.Скобелев Абдылдабекке багынып берүүсүн талап кылган кат жиберген болучу. 26-июль күнү Сопу-Коргондо Абдылдабектин иниси Асанбек агасынын М.Д.Скобелевге жазган жооп катын алып келген. Абдылдабек катта мындай деп жазыптыр: «Кудайга жана анын пайгамбарына ишенген биз ушул мезгилге чейин силерге каршылык көрсөтүп келебиз. Бул иш Сиз тараптан шартты бузгандык үчүн жасалып олтурат. … Ошондуктан Исламды туткан бир нече адам силерге катуу каршылык көрсөтүүгө бел байладык.
Сиз, өзүңүздүн чоң жана жеңилбес армияңыз менен сыймыктанасыз. Ал эми биз кичине адамдарбыз, ошондуктан кудайга сыйынып, шүгүрчүлүк гана кылабыз. Мүмкүн Көктөгү жараткан бизге да ырайым кылаар… Эгер берген убадаларыңызды так аткарсаңыз, биз да Сиздин сунуштарыңызга макулдугубузду берет элек. Бирок жогорку себептер менен биз эми кашык каныбыз калганча силерге каршы күрөшө беребиз. Биз көчмөнбүз, ошондуктан бизге эч кандай мүлктүн кереги жок, кудайдын берген даамына жана тузуна ыраазыбыз.
… Эгер Сиз тынчтыкты каалап, убадаңызды аткарсаңыз, анда бул ишти Шабдан баатырга тапшырыңыз, биз ошого макулдугубузду беребиз. Шабдан кандай ойлосо ошондой чечилсин. Чынында ал өз ишиңиз.
Анан дагы бир нерсе. Эгер Шабданды Ош уездинде калтырсаңыз, анда ал бул жерде тынчтыкты орнотор эле деп ойлойбуз». (Караңыз: ОБМСТА.-1396-ф.-2-оп.-97-иш.-154-барак.)
Каттын кайсы күнү жазылгандыгы жөнүндө маалымат жок. Аягында Абдылдабектин мөөрү басылган. Каттын мазмуну Абдылдабектин дипломатиялык жөндөмүн, айтылган убаданы мыйзам катары кабыл алган тоолук кыргыздын чынчыл жана убадага бек турган түз мүнөзүн, кырдаалды туура түшүнгөн билимдүүлүгүн, жеңилсе да, элинин келечегин ойлоп, анын тагдырын Шабданга тапшырган тарыхый кеменгерлигин ачык көрсөтүп турат.
М.Д. Скобелев багынууну талап кылып, дагы кат жазган. Абдылдабек үмүтсүз күрөштү уланта берүүгө аргасыз болгон да, Кызыл-Артты ашып, Чоң-Алайга, ал эми 31-июлда ал Кашкарга кирип кеткен.
Генерал Скобелевдин колоннасында аракеттенген майор М.Е.Ионовдун отряды 29-июль күнү отряды менен Кашкардан кайтып Ооганстанга өтүп бара жаткан Курманжан датканын көчүн кууп жетип, датка-айымды колго түшүргөн. М.Е. Ионовдун туткунуна Курманжан каршылык көрсөткөн эмес, анын генерал Скобелевге жолугуу керектиги жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда, кичүү уулу Камчыбекти жана небереси Мырзапаясты алып, ал Чоң-Алайда өргүү алып жаткан М.Д. Скобелевдин лагерине түшкөн.
Генерал М.Д. Скобелев Курманжан датканын келишине чоң дасторкон уюштуруп, алтын чөйчөк белек берди жана парча чапан жапты. Курманжандын туткун абалына карабай өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан, генерал М.Д. Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган алгачкы рапортунда ага «Алай канышасы» деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан орус бийликтерине багынгандыгын билдирип, балдарын кайра мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болду. (Караңыз: Джамгерчинов Б.Д. Очерки политической истории… – 399-бет.) Алысты көрө билген айым пайдасыз кармаша бергенден көрө орус букаралыгын таанууну туура деп эсептеген.
Абдылдабектин күчтөрү талкаланганы менен тоо луктар али толук тынчый элек эле. Кара-Тегин тарапка качып кеткен Абдыкерим бек 29-июлда орус колонизаторлоруна каршы газават уюштуруу жөнүндө ичкилик кыргыздарына үндөө менен кайрылган. Витгенштейндин отряды менен Шабдандын жигиттери Кара-Көлгө чейин көтөрүлүшчүлөрдү кууп баргандыгы белгилүү. Кара-Көлдө козголоңчулардын бири колго түштү, андан Зардалыдан 30 чакырым жерде көтөрүлүшчүлөрдүн ири тобу жайгашкандыгы жөнүндө маалымат алынды. Ошондуктан М.Д. Скобелев Дароот-Коргонго кайтып келген Витгенштейндин тез көчмө отрядына жана Шабдандын жигиттерине Туз-Алтын-Дарага чейин барып, ичкилик кыргыздарынын урууларын орус букаралыгына баш ийдирип келүүнү буйруган.
Бул уруулар июлдун экинчи жарымында эле көтөрүлгөн Сох суусунун Дургумак, Кара-Көл, Раут куймаларынын бойлорунда жашаган ичкилик кыргыздардын 800дөй жигиттери болучу. Алардын башында Мамбет бий, Жармамбет, Кудайназар, Маткерим, Муратбай жана Эшмамбет турушкан. Алар Абдылдабектин тобуна кошулбастан өздөрүнчө аракеттенип жатышкан. Молдо Ашырдын тобуна тилектештигин билдирип, ал Кара-Тегинге качканда кабарлашып, күчтөрдү бириктирүүгө аракеттенишкен. Ошондуктан Молдо Ашырдын 50 түтүн туугандарынын айылына жакын Жоро ашуусунда жайгашып, орус аскерлеринин келе жатканын уккандан кийин Абдыкерим менен Молдо Ашырга тилектеш ичкилик кыргыздарынын жайлоолоруна орус жазалоочуларын өткөрбөөнү максат кылышып, үч кабат таш тоскоол даярдашып, күтүп жатышты.
Молдо Ашырдын айлын талкалоону Колетеевдин жүздүгүнө калтырып, Витгенштейн менен Шабдандын отряды көтөрүлүшчүлөргө чабуул коюшту. Анда-санда гана милтелүү мылтык атылганы болбосо, негизинен таш, союл менен куралданган көтөрүлүшчүлөр ар бир таш тосмону оңойлук менен бере коюшкан жок. Капитан Щерпинскийдин, сотник Дризендин отряддарынын коргонуучуларды айланып өтүп, алардын капталынан мөндүрдөй жаадырган огу гана чабуулга ийгилик алып келди. Көтөрүлүшчүлөрдүн 51 кишиси, алардын ичинде Эшманбет да өлдү. Төрт саат бою айыгышкан кармаштан кийин коргонуучулар артка чегинип, Молдо Ашырдын айылы тыптыйпыл талкаланып, көптөгөн мал-мүлк олжолонгон.
Абдыкерим бек, Молдо Ашыр жана башкалар КараТегинге жашынгандыктан, М.Д. Скобелев Кара-Тегинди каратып, аны Бухара эмирине тартуулоо менен эмираттын Орусияга вассалдык көз карандылыгын дагы бир жолу ырастоо, ушундай ыкма менен Кара-Тегин жана Памир тургундарынын көз алдында орус куралынын күчүн көрсөтүп коюу сунушу менен К.П. Кауфманга кайрылган. К.П. Кауфман мындай текебердүүлүктү жактырган эмес, бирок Бухара эмирине Кара-Тегиндин беги Раим Шаага орустардан качкан көтөрүлүшчүлөрдү кайтарып берүүсүн талап кылган кат жиберген.
Сунушун К.П. Кауфман колдобогон М.Д. Скобелев эми эч болбосо Кара-Тегин менен жаңы орус ээликтерин тактап алууну көздөдү да, августтун биринчи жарымында Шабдан менен Ташманбет байды Раим Шаага жиберди. Элчилер алып барган катта Орусия менен Бухара дипломатиялык мамиледе болгондуктан Кара-Тегиндин беги да ак падышанын колтугунда болуп калары, эгер ал Орусияга каршы болсо аёосуз жазаланары эскертилип, чек ара боюнча бир топ талаптар көрсөтүлгөн.
Раим Шаа шашканынан элчилерге кошуп өзүнүн иниси Сопу-ханды генерал М.Д. Скобелевге жиберген. ДароотКоргондо, анан Чоң-Кара-Мыкта өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин 28-август күнү чек ара боюнча орус-каратегин келишими түзүлгөн. Келишим боюнча мурунку кокон-букара чек арасы калыбына келтирилди. Кара-Тегиндин беги Раим Шаа генералдын талаптарынын баарына макул болду.
1876-жылдын август айынын этегинде Дароот-Коргонго чакан гарнизон калтырып, генерал М.Д. Скобелев Фергана өрөөнүнө кайтты да, өзүнүн негизги иши – облус губернаторлугу ордуна олтурган.
«Алай илимий-согуштук экспедициясы» 1875–76-жылдардагы Фергана өрөөнүн Орусияга каратуу кампаниясында олуттуу саясий-согуштук мааниси бар этап болуп кал ган. Муну менен Түштүк Кыргызстанды Орусияга каратуу аяктады. Падыша өкмөтүнүн толук эмес маалыматтары боюнча 17380 түтүн алайлык кыргыздар (адыгине – 3145 түтүн, ичкиликтер – 1225 түтүн, монгуш – 13010 түтүн) орус букаралыгына киргизилген. Алардан Гүлчө, АкБуура, Ноокат болуштуктары уюштурулуп, Ош уездинин курамынын негизин түзгөн. (Караңыз: ӨзБМА.-715-ф.-1оп.-69-иш.-86-барак; Үсөнбаев К. Алай канышасы илимий көз караш менен.//КТ.-1991.-26-июль.).
Алай тоолорундагы кармаштар орус аскери үчүн ыңгайсыз жана татаал шарттарда жүргөндүктөн, өзүнүн оордугу жана саясий-стратегиялык мааниси жагынан Фергананын түздүктөрүндөгү согуштарга тете болгон. Бул жөнүндө К.П.Кауфмандын 1876-жылдын ноябрындагы буйругу маалымдайт. Анда «…Кокон хандыгын Улуу Таксырдын букаралыгына алып келген даңктуу жортуулдан жана тоолуктарды тынчыткан ошондой эле даңктуу, кыйынчылыгы да кем эмес Алай тоолоруна болгон жортуулдан кийин… Фергана өрөөнүндө тынч турмушка өтүү ишке ашты», – деп жазылат. (Караңыз: ӨзБМА. – 715-ф.-1-оп.-69-иш.-200-барак.)
Бирок Алайдын калкы 1876-жылдын акырына чейин толкундоолорун токтоткон эмес. Майда-майда чачкын козголоңдор тоолордун ар кайсы жерлеринен чыгып турган. Абдылдабек куралын таштаган жок. Анын акыркы күчтөрүн Витгенштейн 8-сентябрь күнү Сох өрөөнүнүн баш жагында талкалагандан кийин гана ал иниси Мамытбекти кошуп, Ооганстан тарапка өтүп кетти да, Меккеге барууга даярданып жатып көз жумган.
Күз айларында алайлыктардын нааразычылыктарын басып, орус бийлигин кыргыздарга биротоло таанытууга көмөк алуу үчүн М.Д. Скобелев Курманжан менен Мадыда жолугушкан. Алай калкын тынчытууга Курманжан убада берген, бирок, М.Д.Скобелевге көтөрүлүшкө катышкандарды куугунтуктабоо, туткунда калган кыргыздарды бошотуу, уулдарынын мекенине кайтышына тоскоолдук кылбоо сыяктуу шарттарды койгон. Ошондон кийин гана толкундоолор токтоп, К.П. Кауфман 1877-жылдын январында Петербургга Кокон хандыгынын мурунку чөлкөмдөрүндөгү «толук жеңиш» жөнүндө телеграмма жибере алган. (Караңыз: Бабабеков Х.Н. Народные движения…-108-бет.)
1876-жылдын жаз айларынан баштап август айында Алай кыргыздарын Орусияга каратуу менен аяктаган элдик кыймылдын экинчи мезгилинин үчүнчү баскычынын негизги жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.
1873–76-жылдардагы элдик кыймылдын экинчи мезгилинин акыркы – үчүнчү баскычында көтөрүлүштүн катышуучуларынын курамынын мурунку баскычтардан олуттуу айырмалангандыгы байкалат. 1876-жылдын жаз жана күз айларындагы чыгуулар социалдык жагынан кеңири болгону менен өзүнүн моноулуттуулугу боюнча өзгөчөлөнгөн. Бул баскычта орус баскынчыларына каршы туруктуу күрөшкөндөрдү элеттик жана тоолук кыргыздар гана түзгөн. Анткени, Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүндөгү антиколониялык күрөштөр январдагы Анжыян, Асаке салгылашуулары менен солгундап, февраль айында Полот хандын акыркы күчтөрү талкалангандан кийин негизинен токтогон болучу. Ошондуктан, 1873–76-жылдардагы элдик кыймыл кыргыздар менен башталып, кыргыздар менен аяктагандыгын, тоолуктардын кыймылдын идеяларына башкалардан тереңирээк сугарылгандыгын баамдоо кыйын эмес. Көчмөндөрдүн көтөрүлүштөгү олуттуу ролун орус баскынчыларынын өздөрү да жогору баалагандыгын ошол учурдун мезгилдүү басма сөз материалдары даана көрсөтөт. (Караңыз: О борьбе русских с кыпчаками и кара-киргизами.//Голос. – 1876.-№ 105.)
Алай өрөөнүнүн кыргыздары орус колонизаторлоруна каршы 1876-жылдын аягына чейин күрөшүштү. Бирок, объективдүү тарыхый шарттардын негизинде Кыргызстандын түштүгүнүн Орусияга толук каратылышы ишке ашты. Кандуу согуштар менен коштолгон бул жараян Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратып алууга караганда өзүнүн катаалдыгы менен айырмаланды. Ал эми согуштук-саясий маанилүүлүгү боюнча Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүн каратуудан кем калбаган айтылуу «Алай жүрүшү» Орусия империясынын колониялык басып алуусунун жалаң гана куралдын күчү менен ишке ашырылгандыгын айкын көргөздү. Буга Абдылдабектин, Абдыкерим бектин, Молдо Ашырдын жана башка көптөгөн өз элинин эркиндигин ыйык туткан инсандардын орус баскынчылыгына каршы аракеттери күбө. Ошондуктан Орусиянын Кыргызстанды басып алышынын экинчи мезгили болгон түштүк кыргыздарын каратуу жараянын тикеден тике басып алуу деп атоо туура.
Адабияттар:
Амитин-Шапиро З.Л. Аннотированный указатель литературы по истории, археологии и этнографии Киргизии. -Фрунзе: Изд-во АН Кирг.ССР, 1958.-349 с.
Бабабеков Х.Н. Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки. (ХУШХ1Х вв.). -Ташкент: Фан, 1990.
Военные действия против Кокандского ханства. //ВС.-1875.- № 12; 1876.- № 1-С.21-36; № 2.-С.179-212; № 3.-С.39-73; № 8.-119–177.
Галицкий В.Я., Плоских В.М. Старинный Ош. -Ф., 1987.
Джамгерчинов Б. Очерки политической истории ХIХ в.-Ф.,1966.
Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.Ош,1997.
Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот хан.-Б.,1997.
Корытов Н.П. Самозванец Пулат-хан. //Ежегодник Ферганской области за 1902 г.-Новый Маргелан,1903.- № 1.-С.19–40.
Костенко Л.Ф. Экспедиция на Алай и Памир.//ВС.-1879.-№ 3. Курманжан датка.-Ош: Кыргызстан журналисттер союзу,1991.
Миддендорф А.Ф. Очерки Ферганской долины.-СПб.: Тип. Имп.АН,1882.
Молдокасымов К. Полот-хан.//Мурас.-№ 7.-1991.
Павлов С., Рабинович М. Кокандское восстание (1875–76 гг.)// БК.-М.,1936.- № 4.-С.47-56.
Серебренников А.Г. Кокандский поход 1875–76 гг. Чыккан жери жана жылы белгисиз.
Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. -СПб.: Тип. Комарова, 1906.-Т.2.
Туркестанский край. Сборник материалов для истории его завоевания, собрал полковник А.Г. Серебренников.-Ташкент, 19121916.-Т.1-8, 17-22.
Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60–90-е гг. Х1Х в.). -М.: Наука, 1965.-467 с.
Хасанов А. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства. -М.: Наука, 1977.-96 с.
Усенбаев К.У. Народные движения Средней Азии в XIX в. (По материалам Кыргызстана). – Ф.-Ош, 2001.
Ювачев И.П. Курманжан датка Алайлык кыргыздардын канышасы.//АТ. -1989.- № 7.-121-131-беттер.
Падышачылык колониализмдин негизги принциптери, жер, келгиндер жана отор саясаты
а) Орус колониалисттик саясатынын негизги принциптери.
Кыргызстандын жаңы мезгилиндеги колониялык доору жалпысынан 60 жылга созулган. Падышачылык өзүнүн колониялык саясатын жүргүзгөндө баарынан мурда «акырындап, этап-этап менен, ырааттуу түрдө» деген принципти жетекчиликке алган.
Падышачылыктын Түркстандагы, анын ичинде Кыргызстандагы колониалдык саясатынын негизги принциптерин түшүнүү үчүн алгач Орусиянын колониялык системасынын батыш Европалык колониялык системалардан айырмаланган бирден-бир орчундуу өзгөчөлүгүн билип алуу зарыл. Ал орус метрополиясы (борбордук Орусия) менен анын колонияларынын (чет-жакаларынын) ортосунда кандайдыр бир чоң, адам өтө алгыс географиялык тоскоолдуктун – тоо кыркаларынын, океандын же чөлдүн жок болушу. Орус колониализминин апологеттери тастыктагандай, Сибирь, Кавказ, Орто Азия сыяктуу чет жакалар Орусиянын нукура территориясынын уландысы катары каралган. Мындай өзгөчөлүк Англияда, Бельгияда же Францияда болгон эмес.
Бул географиялык фактор, Орусиянын колониялык саясаты үчүн географиялык эмес, саясий мааниге ээ болгон. Ошондуктан орус колонизаторлору басылып алынган колониялардын узак мөөнөттүн ичинде нукура эле Орус жерине айланып кетишин көздөгөн да ХVI кылымдан баштап келе жаткан саясаттын жемиши катары Уралдын чыгыш жактары, Түштүк Орусия, Сибирь бир кездерде колониялык ээликтер болуп, ал эми ХIХ кылымдын экинчи жарымында нукура орус жери болуп калгандай эле, Түркстанга да ошондой максат коюлган. Ушул себептүү Орусиянын саясатчыларынын иштеп чыккан колониялык саясатынын биринчи жана негизги принциби ОРУСТАШТЫРУУ принциби болучу. Орусташтыруу максаты кеңири жана узак болуп, ага стратегиялык маани берилген. Акырындык менен түркстандыктар экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясы менен толук биригип кетүүсү, ал турсун идеологиялык жана руханий, дин жагынан да, одоно айтканда «орус болуп кетүү» максаты коюлган. Чынында, Сибирь, түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери ушундай эле болбодубу.
Орусташтыруунун негизги каражаттары катары төмөнкүлөрдү санаса болот. Алар: Орусиянын заң-закондорун акырындык менен жергиликтүү чөлкөмгө киргизүү, түпкү калктын динин, менталитетин одоно бузбастан, акырындык менен орус динин, орус маданиятын жана орус менталитетин жайылтуу, мына ушул багыттарды ишке ашыруу үчүн Түркстан крайы түзүлгөн күндөн эле башталган оторчулукту (Орусиянын борбордук губернияларынан казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келүү) өркүндөтүү болгон.
Орусташтыруу принцибин ишке ашыруу жогор жакта айтылгандай акырындык менен этаптуу ишке ашырылган. Ошондуктан, Орусия өкмөтүнүн административдикукуктук жана социалдык-экономикалык саясатын жүзөгө ашыруу процессин эки чоң мезгилге бөлүүгө болот.
«Даярдык көрүү» деп аталган биринчи мезгил XIX кылымдын 60–80-жылдарында (1867–1886) өтүп, Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөн 1867-жылдан тартып, 1886-жылы Түркстан крайын башкаруу жөнүндө туруктуу «Жобо» киргизилгенге чейинки мезгилди камтыйт. Жергиликтүү калктын турмушунун бардык чөйрөсүндөгү укуктары ушул «Жободо» биротоло белгиленген. Бул мезгилде жергиликтүү шарттарды иликтөө, крайды башкаруу боюнча «Жобонун» долбоорлорун (1871, 1875, 1881-жж.) иштеп чыгуу сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Аталган мезгилдин алкагында крайлык бийлик тарабынан бир катар практикалык кадамдар жасалганы менен, падышачылыктын бүткүл колониялык саясатынын негизги принциптери Түркстанда XIX кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде гана иштелип чыккан.
Экинчи мезгил Түркстанда, ошонун ичинде Кыргызстанда падышачылыктын колониялык саясатынын негизги принциптерин турмушка ашыруу процессин камтып, XIX кылымдын 80-жылдарынан 1917-жылга чейин созулган. Колониялык саясаттын административдик, агрардык, келгин орус дыйкандарын оторлоштуруу (переселение), соода-сатык, өнөр жай, социалдык, руханий жана башка бардык маселелеринин аздыр-көптүр болсо да так принциптери иштелип чыгып, Февраль революциясы башталганга чейин акырындык менен жүзөгө ашырылган.
Кыргызстандын территориясы төрт облустун жана тогуз уезддин курамында калган. Мындай административдик структура кыргыз элинин этникалык, чарбалык, саясий жана руханий жактан консолидацияланышына, ички рыноктун калыптанышына абдан тескери таасир эткен. Административдик бирдиктерди түзгөндө падыша чиновниктери «бөлүп ал да, бийлей бер» деген принципке таянышып, «башкарууга» жеңил болсун деген жападан жалгыз критерийди жетекчиликке алышкан. Тилдик жана маданий, этникалык белгилер караманча эске алынган эмес. Башкаруунун мыйзамдык актыларында аскердик-колониялык принцип негизги орунда турган. Крайдагы жогорку бийлик толук бойдон генерал-губернатордун колуна берилген. Облустардын аскердик губернаторлору граждандык да, аскердик да бийликти да жүзөгө ашырып турган. Алар облустарды тескөөчү, чарбалык жана сот бөлүмдөрүнүн жардамы аркылуу башкарган, бул бөлүмдөрдүн башында башкы кеңешчилер турган. Ал эми бардык облустук башкармалыктарды облустун вицегубернатору башкарган. Уезддик начальниктер облустук губернаторлорго баш ийип, экиден жардамчысы жергиликтүү феодалдык төбөлдөрдүн өкүлү болгонго укуктуу эле. Бардык дайындалуучу кызмат орундары: крайдын генерал-губернатору, облустун губернатору, уезддин начальниги, өзгөчө учурларда приставдар милдеттүү түрдө аскер ведомствосунун өкүлдөрү, улуту боюнча орус, жогорку жана орто рангдагы офицер болууга тийиш эле.
б) Жер маселеси.
Орус өкмөтү Түркстан крайын башкарган биринчи күндөн тартып эле өзүн жердин жогорку ээси катары эсептей баштаган. Түркстандагы жер маселесин изилдөө процессинде негизги суроо – жерге ээлик кылуунун формасы жөнүндөгү маселе эле. Бул маселе боюнча орус бийликтеринде эки түрлүү пикир болгон. Өкмөт чиновниктеринин бир катары жер маселесин мамлекеттик менчиктин пайдасына чечүүнү туура көрүшкөн, ал эми дагы бир катары жерге болгон капиталисттик менчикти колдошкон, бул буржуазиянын кызыкчылыгына төп келген.
Крайды иликтөө ишине изилдөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсү катышып, жер реформасын даярдоо үчүн атайын комиссиялар түзүлгөн. Алар тарабынан реформанын бир нече долбоору даярдалган. 1884-жылы январда Согуш министрлигинде мамлекеттик Кеңештин мүчөсү, граф Н.П. Игнатьевдин төрагалыгы менен комиссия түзүлүп, ага 9 министрлик менен ведомствонун, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү кирген. Алардын колунда Түркстандагы жер маселесин 20 жыл бою иликтеген иштердин натыйжасы бай материал болгон. Игнатьевдин комиссиясы тарабынан «Түркстан крайын башкаруу тууралуу Жобонун» жаңы (ирети боюнча алтынчы) долбоору иштелип чыккан, бул долбоор Мамлекеттик Кеңеште каралып, император тарабынан 1886-жылы 12-июнда бекитилген (Караңыз: Россиянын Борбордук мамлекеттик Согуштук тарыхый архиви (РБМСТА). – 400-ф., 1-оп., 886-иш, 14-барак: Положение об управлении Туркестанским краем. – Ташкент, 1916.).
Ошентип, юридикалык жактан 1886-жылы гана Түркстандын жергиликтүү калкынын жерге карата мамилелери аныкталып, ошондой эле Кыргызстандагы жер саясатынын маңызын да чагылдырып турган.
1886-жылкы «Жободо» жер мамилелеринин башкы маселеси компромисттик жол менен чечилген, бул падыша өкмөтүнүн дворяндар менен буржуазиянын ортосунда эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу саясатын мүнөздөп турат. Жер жалпысынан мамлекеттик менчик деп аталганы менен, «Жобонун» 255-статьясында: «Отурукташкан айыл калкына туруктуу түрдө укумдан тукумга өтүп келаткан, жергиликтүү салттын негизинде чектелген (амляк жерлери) жерлер бекитилип берилет» деп айтылган, бул жерге болгон жеке менчикти жарым-жартылай таануу болуп саналган. Жерге болгон жеке менчик маселесинин жарым-жартылай чечилиши өкмөттүн жер саясатында жергиликтүү жеке менчикке чек коюу жана аны жоюу боюнча курсун юридикалык жактан бекемдеп, жаңы, капиталисттик жер ээлигин акырындап өөрчүтүү күн тартибине коюлганын айкындайт. «Мүлк» (мюлк) ээлиги (жергиликтүү жер ээлөө, жер жеке менчиги) жер менчигинин эски түрү катары жоюлуп кеткен. Ал эми вакуф (диний мекемелердин жер менчиги) жерлери болсо мурдагыдай кала берген. Бирок, жаңы вакуфтарды түзүүгө генерал-губернатордун уруксаты менен гана жол берилген. Жободо жерге ээлик кылуунун жаңы тибин түзүү да каралган. Отурукташкан калкка жерди жергиликтүү салттар боюнча да, орус тартиби (крепосттор) боюнча да сатууга жана сатып алууга жол берилген. Жерге ээ болууга орус букаралыгына өтүп, христиан динин туткандардын жана отурукташкан жергиликтүү калктын гана укугу болгон.
Көчмөн калкты жерге жайгаштыруу маселесине келгенде бийликтердин пикири негизинен бирдей болгон: бул маселеде алар көчмөндөрдүн жерлерин мамлекеттик менчик деп таануу принцибин кармашкан, а бул принцип болсо падышачылыктын отор саясаты менен тыгыз байланышта эле. Маселен, Жети-Суу облусунун аскер губернатору Аристов минтип жазган: «Жерди кыргыздардын менчиги деп тааныганда, орус конуштарын көбөйтүү мүмкүн эмес…», андай болгондо кыргыздардын бардык жери алардын «менчиктүү жайыттары болуп калат да, бош жерлер жок болгондуктан көчүрүп келүүгө мүмкүн болбой калат».. «Жобо» боюнча көчмөн элге мурастап пайдалануу үчүн кыштоо, жайлоо жана айдала турган жерлер деп, жердин үч түрү берилген. Көчүп-конуш үчүн бөлүнгөн жерлер жана мал айдалчу жолдор крайдын калкына жалпы пайдаланууга берилген.
1887-жылы облустук башкармалык тарабынан «Түркстан крайында жерге жайгаштыруунун тартиби» жана «Түркстандын отурукташкан жерлеринде жер-салык ишин жүргүзүүнүн эрежелери тууралуу инструкция» жиберилген. Бул документтер 1890-жылга чейин колдонулган.
Фергана облусунда жер-салык иштери 1890-жылдын жазында башталган. Ар бир уездде жер-салык комиссиялары түзүлүп, алардын алдына мындай кош милдет коюлган: отурукташкан калктын жерлерин жөнгө келтирүү жана салык ишин уюштуруу. Чектеп бөлүү иштери Анжиян (1897–1900-жж.), Маргалаң (1894–1897-жж.), Наманган (1897–1900-жж.), Кокон (1899–1903-жж.) уезддеринде жүргүзүлгөн.
Ошентип, жер-салык реформасынын негизги иш-чаралары жүзөгө ашырыла баштаган. Бирок 1886-жылкы «Жобонун» эрежелерин иш жүзүндө колдоно келгенде чыккан кыйынчылыктар, жер-салык комиссияларынын кашаңдыгы, салыктын калыстык менен аныкталбагандыгы аталган маселени кайрадан карап чыгуу үчүн жаңы комиссия түзүү зарылдыгын туудурган. Ушул жаңы жер-салык комиссиясынын ишинин натыйжасында жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 1900-жылдын 10-июлунда бекитилген (Караңыз: РБМСТА. – 400-ф., 1-оп., 2218-иш, 340-барак.). Бул мыйзамга ылайык отурукташкан калкка «туруктуу түрдө, укумдан тукумга өтүп, пайдаланылып, тескелип келаткан сугат, кайрак, иштетилбеген» жерлер бекитилип берилген. Жердин жогоруда белгиленген үч категориясы калкка жөн эле бекитилип берилбестен, ал жерлер боюнча жер салыгы да алынган, мында үчүнчү категориядагы (иштетилбеген) жерлер чын-чынына келгенде калкка эч кандай экономикалык киреше берген эмес. Жаңы мыйзамда казына кызыкчылыгынын баарынан жогору коюлгандыгы, ага дыйкандардын кызыкчылыгы баш ийдирилгени ачык эле көрүнүп турган.
1900-жылкы мыйзамдын негизинде 1901–1910-жылдары Фергана облусунда кошумча түрдө жер-салык иши жүргүзүлгөн. Бул реформа жерге жайгаштыруу ишине тартыла элек кээ бир болуштуктарды да өзүнө камтыган Ош уездинде, маселен, 1903-жылдын апрелинен тартып 1905-жылдын жазына чейин реформа бүт бойдон жаңы мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөн.
1910-жылдын 1-январына карата жер реформасы 24 жылга (Фергана облусунда – 20 жылга) созулуп, Түркстандагы жер реформасы аягына чыкты делинип эсептелинген. 1911-жылдын 1-июлунан тартып Фергана облусундагы жер-салык комиссиялары мыйзам тартибинде таратылган. Ал эми Кыргызстандын көчмөн болуштуктары болсо 1917-жылга чейин реформага камтылбаган бойдон калган. Түркстанда падышачылыктын жер реформасынын мынчалык узак мезгил жүргүзүлүшүнө падышачылыктын жер саясатынын камдыгы, эрежелеринин карама-каршылыгы, бул маселе боюнча башкаруу чөйрө сүндөгү талаш-тартыштар себепчи болгон. Казынанын жана метрополиянын кызыкчылыгы сыяктуу кош фактор, ошондой эле түпкүлүктүү калктын нааразылыгынан чочулоо – падышачылыктын карама-каршылыктуу саясатын шарттап турган. Мындай карама-каршылыктуулук бири бирине эриш-аркак келбеген бир катар мыйзамдардан жана инструкциялардан байкалып турат.
Жер реформасынын мамлекеттин финансылык кызыкчылыктарына баш ийдирилгени калкка бекитилип берилген бардык жердин 64,4%ин кайракы жана иштетилбеген жерлер түзгөндүгүнөн көрүнүп турат. Ош уездинде бул көрсөткүч 73,1%ке жеткен. Калкка кайракы жана иштетилбеген жерлер канчалык көп бекитилип берилсе, салык көлөмү ошончолук оор болгон. Аталган жерлер дыйкандарга жарыбаган эле киреше берген, атүгүл кээде дээрлик эч нерсе берген эмес.
Түркстанды 1908–1910-жж. ревизия кылган сенатор К.К.Пален жергиликтүү чарбанын дыйканчылык, өткөөл (аралаш чарбалуу), мал чарбачылык деп үч тибин көрсөтөт (Караңыз: Пален К.К. Поземельно-податное дело… – СПб., 1910. – С.22–23.). Жер-салык реформасынын материалдары боюнча ХХ кылымдын биринчи он жылдыгында Кыргызстанда, айрыкча анын түштүгүндө дыйканчылыкты кесип кылгандар басымдуу болгон. Көпчүлүк кыргыздар көчүп-конуп, малын да багып, дыйканчылыкты да белсене жүргүзүшкөн. Кыргыздардын дыйканчылык иши туруктуу мүнөздө болгон эмес, ошентсе да айдоо аянттары жылдан жылга арбый берген. Буудай, арпа, сулу, таруу, жүгөрү, беде айдашкан. Кыргыздар өрөөндөр менен тоо этектеринде дыйканчылыктын жогорку аталган түрлөрүнөн тышкары пахтачылык, күрүч, жашылча, коон-дарбыз айдоо, багбанчылык, ошондой эле жибекчилик менен да кесиптенишкен.
Даректер Кыргызстанда товардык дыйканчылыктын өсө баштагандыгын ырастап турат. «Соодалык дан эгини кеңири өрүш алышына чет-жакаларда соода дыйканчылыгынын Россиянын борбордук райондорунда өөрчүгөн өнөр жай менен тыгыз экономикалык байланыш түзө баштаганы түрткү берген. Дыйканчылыктын товардык мүнөзү көп сандагы тегирмендердин салынганы менен да ырасталып турат.
Илгертеден колдонулуп келген адаттагы эмгек шайман-жабдыктары жана ык-тажрыйбалары менен катар жергиликтүү калк жаңы айыл чарба шаймандарын (орок, чалгы, темир соко, тырмоок, моло таш, эгин чапкыч, ат тырмоок, чөп чапкыч, дан бастыргыч, араба, чана ж.б.) пайдаланышкан.
Кыргызстандын түпкү калкынын негизги кесиптеринин бири мурдагыдай эле мал чарбачылык бойдон калган. Тоолуу жерлерде жана бийик тоолордо малды жайытта багуу пайдалуу болгон, анткени мында мал тоютту дээрлик жайыттан оттогон да, отурукташкан элдикиндей колдон тоюттандырганга караганда чыгым аз кеткен. Кыргыздар кой, эчки, жылкы, бодо мал ошондой эле топоз, төө, эшек багып өстүрүшкөн. Мал чарбачылыгы негизинен экстенсивдүү мүнөздө болгон. Бирок, көптөгөн жаңылыктар: кышка чөп, тоют камдоо, малды жайытта кармоо менен колдо багууну айкалыштыруу жана башка элементтер ХХ кылымдын башында Кыргызстан мал чарбачылыгынын өзүнчө чарба тармагы катары интенсивдүү багытка өтө баштаганын ырастап турат. Мында маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири катары аталган тармакты керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына ылайыкташтыруу, башкача айтканда, малдын рыноктун кызыкчылыгына карата зарыл түрүн өнүктүрүү иши келип чыккан. Колониялык мезгилдин адепки учуруна караганда койдун асылдандырылган тукуму активдүү өстүрүлө баштаган. Кыргызстанга илимий ветеринариянын кире башташы, дарылоочу-ветеринардык пункттардын пайда болушу интенсивдүү мал чарбачылыгынын өрүш алышына түрткү бербей койгон эмес.
Ошентип, Кыргызстандын айыл-чарбасы колониялык доордо казынага мүмкүн болушунча көбүрөөк рента алууну көздөгөн Россиянын агрардык саясатынын таасири менен да, ошондой эле аста-аста артта калган крайды «дүйнөлүк чарбанын» айлампасына тарткан капитализмдин кеңири кулач жайып өнүгүш айдыңы менен да өрүш ала баштаган. Товардык дыйканчылык иштеринин пайда боло башташы чарбанын патриархалдуулугун, түнттүгүн бузуп, жаңы буржуазиялык товар акча мамилелерин түзгөн капитализмдин миссиясын мүнөздөп турат.
в) Отор (көчүрүп келүү, переселение) саясаты.
Отор саясаты орус колониалдык системасынын негизги принциптеринин бири катары «орусташтырууну» ишке ашыруучу негизги каражат болгон. Мамлекет үчүн жер которуу саясатынын саясий да, ошол эле учурда экономикалык да чоң мааниси бар эле.
ХIХ кылымдын 60–70-жылдарынан 90-жылдарынын аягына чейин падышалык өкмөттүн колониялык саясатында аскердик-саясий багыт үстөмдүк кылган. Падышачылык жер оодуруп келгендерди жергиликтүү калктын мүмкүн боло турган толкундоолоруна каршы күч катары жана «…граждандуулукту орнотууну көздөгөн кеңири максатка жетүүгө, крайды орусташтыруу үчүн» пайдаланууга аракет кылган (Караңыз: РБМСТА. – 400-ф., 1-оп., 838-иш, 39-барак.). Жер которуу кыймылынын башында Кыргызстанда дал ушул максат көздөлгөн эле. Кийин бул процесс 90-жылдардагы борбордук губерниялардагы агрардык кризиске байланыштуу орус дыйкандарынын чет-жакаларга массалык түрдө жер которуусу менен коштолгон.
Кыргызстанда биринчи орус кыштагы Токмок коргончебинин жанында Сибирь губернияларынан жана Россиянын европалык бөлүгүнөн келгендер тарабынан 1866жылы түзүлгөн. Ал эми 1867-жылы Пишпекке (Биш кекке) жакын жерде Лебединовка кыштагы түзүлүп, андан 40 киши орун-очок алган (Караңыз: Казакс тан Республикасынын мамлекеттик архиви (мындан ары КазРМА).- 44-ф., 1-оп., 38351-иш, 315-барак.).
Жер которуу кыймылы акырындык менен өөрчүп отурган. ХIХ кылымдын 70-жылдары Таластан Чүй өрөөнүнө, андан Ысык-Көл ойдуңун көздөй кеткен аскер-соода жолдорунун боюнда бир катар кыштактар пайда болгон. Орус кыштактарын жайгаштыруу атайын план боюнча жүргүзүлгөн. Генерал-губернатор К.П.Кауфман бул тууралуу минтип жазган: «жаңыдан түзүлүүчү орус кыштактары өз ара тыгыз байланышта болуп, ыңгайлуу жол катнаштарынын боюнда жайгашып, мүмкүн болушунча отурукташкан калк конуштарынын өзүнчө бир туташ тармагын» калыптандырса гана өзүнүн күч-кубатына ээ болот. Болгондо да бул кыштактардан оокаттуу дыйкандар орун алышы керек». (Караңыз: Кауфман К. П. Проект всеподданнейшего отчета генерал-адъютанта К. П. фон-Кауфмана 1-го по гражданскому управлению и устройству в областях Туркестанского генерал-губернаторства. 7 ноября 1867 г. -25 марта 1881 г. -СПб., 1885, 149-б.) К.П.Кауфмандын тапшырмасы боюнча 1868–69-жылдары Жети-Суу областынын башчысы генерал Г.А.Колпаковский жаңы оторчулар үчүн конуштарды иликтеген. Алгач оторчуларга 30 десятинден жер берилиши пландалса, кийин ал 10 десятинге чейин түшүрүлгөн. Себеби, Кыргызстанда сугат жерлеринин жетишсиздиги бат эле байкалып калган болучу.
ХIХ кылымдын 80-жылдарынан тартып оторчулук кыймылы кыйла кеңири мүнөзгө өтүп, экономикалык фактор катары чоң мааниге ээ боло баштайт. Анткени, Россиянын борбордук губернияларында ошол жылдарда башталган агрардык кризистин кесепеттеринен империянын чет-жакаларына жер которуу өсө баштаган. Ошондуктан Түркстан крайына ылайыктуу оторчуларды жайгаштыруу боюнча жобо иштеп чыгуу талап кылынып, мындай мыйзам 1883-жылы иштелип чыккан. Бул Жобо 1865 жана 1872-жылдардагы жоболордон анча деле айырмасы болбосо да, негизги өзгөчөлүгү, биринчиден, орусташтыруу принцибинин максаттарына ылайык башка улуттардын оторчуларына караганда орус улутундагы оторчуларга артыкчылык берилген, экинчиден, оторчулар үчүн жер корун (переселенческий земельный фонд) улам көбөйтүү менен оторчуларды падышачылыктын жер-жерлердеги таянычы катары пайдалануу болучу. Бул Жобо К.П.Кауфмандын пикири боюнча жергиликтүү калктын жер мүлкүн мамлекеттик колдоо жана жеке келишимдер аркылуу орус оторчуларына акырындык менен ыйгаруу максатын көздөөсү керек эле (Караңыз: Кауфман К.П. Проект всеподданнейшего отчета…, 206–207-бб.; Пален К.К. Переселенческое дело. – СПб., 1910, 172-б.).
ХIХ кылымдын 90-жылдарынын башында Россиянын европалык бөлүгүндө түшүмсүздүк, ачкачылык болгонуна байланыштуу империянын чыгыш жактарына, анын ичинде Кыргызстанга да өз бетинче жер ооштуруп келгендердин мурда болуп көрбөгөндөй толкуну каптап кеткен. 1891–92-жылдары өз алдынча Түркстанга келген оторчулардын саны 3 миңге жетип, Жети-Суу облусуна түшкөн 1769 үй-бүлө ушул чөлкөмгө келген мурунку оторчулардын баарын алганда 85 пайызын түзгөн (Караңыз: РБМСТА.- 391-ф., 3-оп., 1803-иш, 18-барак; 1275-ф., 5-оп., 14-иш, 12-барак; Шкапский О.А. Переселенцы и аграрный вопрос.// «Вопросы колонизации», 1907, №1, 21-б.). Ушул жылдардан баштап оторчулардын курамы негизинен жарды орус, украин келгиндеринен түзүлгөн.
XIX кылымдын 90-жылдарынан баштап Кыргызстандын түштүгүнө да келгиндер көп келе баштайт. 1893-ж. Ош уездинде 20 үй-бүлөдөн турган Покровка аттуу (Куршаб) орус кыштагы түзүлөт. (Караңыз: Обзор Ферганской области за 1899 г., 78-б.).
1897-жылы дагы үч кыштак уюшулат. Алар Киев губерниясынын Канаев уездинен келишкен дыйкандарга таандык эле. Ошол жылдары Чаткалда Александровское, азыркы Аксы районунун аймагында Успенское кыштактары пайда болгон. 1899-жылы катаал шарттарга чыдай албаган орус дыйкандары Чаткалдан көчүп баса беришкен. Успенское болсо жергиликтүү элде «Мужук» деген ат менен өнүгүп, кийин чоң кыштакка айланды. Учурда ал кыштак Жерге-Тал деп аталат.
Кыргызстандын түштүгүндөгү отор саясатынын экинчи толкуну 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүнө байланыштуу Көгарт өрөөнүнө орус дыйкандарын олтурукташтыруу демилгесинен башталат. Анын социалдык-экономикалык да, саясий да мааниси чоң болгон. 1899-жылы азыркы Жалал-Абад шаарына жакын жерде Благовещенское кыштагы, кылымдын башында Базар-Коргон районунун аймагында Николаевское, 1906-жылы Көгартта Спасское кыштактары пайда болгон. 1912-жылга карата ЖалалАбад областынын аймагында Көгартта: Благовещенское,
Спасское, Көк-Жаңак, Жерге-Тал, Таран-Базар; Базар-Коргондо – Николаевское; Аксыда – Успенское; КетменТөбөдө – Кетмен-Төбө кыштактары болуп, аларда үч миңге жакын орус дыйкандары олтурукташкан.
Өз бетинче жер оодуруп келүү кыймылынын кулач жайышы падыша өкмөтүнүн планын бузган. Падышачылык өзүнүн негизги максаты – мүлктүү дыйкандардын эсебинен чет-жакаларда социалдык таяныч түзүүгө, ошол эле учурда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү агрардык кризисти кандай болсо да солгундатууга аракет кылып, жер маселесин жөнгө салуунун жаңы жолдорун табууга далалаттанган. Адегенде жергиликтүү бийликтер өз бетинче жер оодуруп келгендерди күч менен адепки турактарына кайра кайтарып, бул кыймылдын толкунун токтотууга ниеттенген. Бирок, ички иштер министрлигинин 1895-жылдын 17-апрелиндеги токтомунда бул жагдайга мындай тактоо кийирген: «айрым дыйкан үй-бүлөлөрүнүн мекенине кайтып келгени эч кандай натыйжа бербейт». Борбордук бийликтер ошентип, саясий жактан «ишенимсиз адамдарды» чет жакаларда, борбордон алысыраак кармоону туура көргөн.
ХIХ кылымдын 90-жылдары жер оодуруп келгендердин мурункулардан («старожильцы») айырмасы мында болчу: алардын басымдуу бөлүгү туулган жерлерин өзүлөрү таштап кеткен дыйкандардын эң кедей бөлүгү эле. Отор кыймылында ушул мезгилден тартып эң драмалуу окуялар башталып, «көчүп келгендерди жайгаштыруу үчүн бош жер издөө», «жер үлүшүнүн нормасын чектөө» дагы башка ушул сыяктуу бир катар кечиктирилгис ишчаралар келип чыккан. Албетте, бул «кечиктирилгис иш-чаралар» жергиликтүү калктын ата-бабалардан бери ээлеп турган суулуу, семиз жер-аңыздарын акырындык менен, «мыйзамга таянган» мүнөздө, а чынында зордуктап тартып алуу менен коштолуп турган.
Жогорку маселелерди чечүү падышачылыктын саясатынын реакциялык маңызын, элге каршы мүнөзүн ачып көрсөткөн. Падышачылык үчүн негизги максат дыйкандардын өтө кедейленип кеткендерин чет-жакаларга «ыргытуу» жолу менен Россиянын борбордук райондорунда агрардык кризисти басаңдатуу эле. Бул саясат 1903-жылдын 10-июнундагы жана 1906–1910-жылдардагы столыпиндик агрардык саясаттын жылдарында биротоло калыптанган.
XX кылымдын башында өз алдынча келген оторчулардын саны улам көбөйүп, Кыргызстандын Чүй, Талас жана Ысык-Көл өрөөндөрүнүн түздүктөрүн, суулуу, семиз жана соода жолунун бойлоруна уюштурулган көптөгөн орус, украин кыштактарынын тыгыз тизмеги пайда болгон. Мисалы, 1906-жылы эле Пишпек уездинде 1 миңден ашуун өз алдынча келген оторчулар отор корунан жер кесиндилерди талап кылып, кыргыздардын жерлерин арендага алууну суранышкан (Караңыз: Туркестанские ведомости. – 1906, № 7, 17.) Отор кыймылынын учурунда жергиликтүү бийликтер борбордук губерниялардан жаңы келген дыйкандарды жерге орноштурууга үлгүрө албай калган. Бул жагдай келгиндердин да, түпкү элдин да нааразылыгын туудурган. Падышачылыктын чет-жакаларга өзүнө таяныч түзүп, өлкөдөгү агрардык маселени чечмек болгон отор саясаты күткөн үмүттү актаган эмес. Тескерисинче, жаңы крайда жаңы агрардык кризистин пайда болуусуна алып келип, алардын баары Түркстан калктарынын, анын ичинде кыргыздардын Россиянын колониялык саясатына күчтүү нааразылыктарды жараткан. Ошентип, 1916-жылкы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү калыптанган.
г) Кыргыздардын отурукташуусу
Кыргызстан Россияга каратылгандан кийин болуп өткөн социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр кыргыздардын отурукташуу процессин күчөтүп, натыйжада XIX кылымдын 90-жылдарына карата Түштүктө кадимкидей эле калк отурукташкан конуштар-кыштактар пайда болгон.
Ферганада жер салык реформасынын жүрүшүндө кыргыз болуштуктарынын көпчүлүгү жерге отурукташуу аркылуу жайгаштырылган. Ал эми Кыргызстандын түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө мындай иш аткарылмак тургай планда да жок эле. XIX кылымдын 90-жылдары жана ХХ кылымдын баш ченинде Кыргызстандын дээрлик бардык болуштуктарындагы жерге жайгаштырылбаган эң кедей калк отурукташууга өтүүнү каалаганын билдирген. Отурукташкан тиричиликке өткөрүүнү сурангандардын саны көбөйгөнү менен, текши эмес эле. Алар өзүлөрүнүн каалоо-өтүнүчүн ачык билдире алган эмес, анткени оокаттуу адамдар өз уруулаштарынын отурукташкан тиричиликке өтүшүнө ар кандай жол менен каршылык кылып турушкан.
Ошентсе да бул процесс объективдүү түрдө алдыга жыла берген. Кыргызстандын түндүгү боюнча биринчи отурукташкан кыштак катары 1898-жылдын 4-апрелинде Чүй өрөөнүндө Талкан болуштугунун 33 чарбасы Таш-Дөбө деген биринчи отурукташкан конушту түзүшкөн. Аларга 770 га жер бөлүнүп берилген. (Караңыз: РБМСТА. – 391ф., 3-оп., 914-иш, 2-барак жана анын арты.).
Көчмөндөрдү отурукташкан тиричиликке өткөрүү боюнча орус бийликтери жүргүзгөн практикалык иш төмөнкүдөй бүткөн. Жер салык реформасы жүргүзүлгөн учурда Фергана облусунда отурукташтырылбай калган болуштуктардын бири да кийин жерге жайгаштырылган эмес. Кыргызстандын түндүгүндө болсо отурукташуу боюнча анча-мынча гана иш жүргүзүлгөн. Таш-Дөбө кыштагы юридикалык жагынан 1912-жылы гана катталып бүткөн. Байтик деген наам менен отурукташкан жаңы болуштук түзүлгөн. Буга Пишпек уездиндеги Таш-Дөбө жана Чалаказак деген эки кыштак кошулган. 1910-жылдан тартып Пишпек уездинин Чыгыш-Сокулук кыргыз болуштугунун калкын жерге жайгаштыруу башталган. 1915-жылдын январына карата кыргыздардын отурукташкан он болуштугу катталган, анын курамында 8267 түтүнү бар 67 кыштак түзүлгөн. Пржевальск уездинде 5 кыргыз кыштагы түзүлүп, орус болуштуктарына кийирилген. 1916-жыл жаңырганга чейин жерге жайгаштыруу Пишпек уездинин дагы 4 болуштугунда аяктаган. (Караңыз: РБМСТА. – 400-ф., 1-оп., 4493-иш, 6-барак жана анын арты; Туркестанские ведомости, 1916, № 41.).
Кыргызстандагы отурукташуу процесси феодалдардын каршы чыгышынан, бюрократизмдин жана жергиликтүү бийликтердин маанисиз себептерди шылтоо кылып создуктура бергенинен, ошондой эле өкмөттөгү пикир келишпөөчүлүктөн улам кечеңдегенин белгилей кетүү зарыл. Ошондой болсо да бул процесс такыр токтоп калган эмес, ага прогресстик көрүнүш катары гана баа берүү керек.
Падышалык бийликтин колониалдык багытта иш жүргүзүүсү, жергиликтүү калктын ой-мүдөөсүнө көңүл бурбаганы мына буга алып келген: сөз жүзүндө көчмөндөрдү отурукташтыруу колдоого алынган да, иш жүзүндө бул маселе создуктурула берген. Мындай саясат чын-чынына келгенде көчмөндөрдүн мүмкүн болушунча Россиядан жер ооп келгендер үчүн түзүлгөн коруна (Фондуна) «артыкбаш» жерлерди көбүрөөк алуу максаты менен атайын жүргүзүлгөндүгүн далилдеп турат.
Бул маселелерди изилдеген көптөгөн орус окумуштуулары түгүл, падышачылыктын расмий бийлик өкүлдөрү да кыргыздардын отурукташуу процесси отор саясатынын жергиликтүү калкка болгон тескери кесепеттерин тана алышкан эмес. Мисалы, Падыша өкмөтүнүн Башкы штабынын Азия бөлүмүнүн начальниги полковник Цейль 1909-жылы өз отчетунда: «оторчулардын чет-жакаларда баш-аламан отурукташып, негизинен соода жана почта жолдорунун бойлорун, жергиликтүү элге таандык суулуу, семиз дың жерлерди ээлеп алышкандыгынын кесепетинен кыргыздардын кысылып, алар саздуу жерлерди, булактардан куралган кичине өзөндөрдүн бойлорун айдоо жер катары иштетүүгө, чөп чабыктарды алыскы талаалардан издөөгө аргасыз болушкандыгын, акырындык менен тоого сүрүлүп кетип жаткандыгын, мына ушундай саясат жергиликтүү мал чарбасына айыкпас оор сокку ура тургандыгын» жазган. (Караңыз: РБМСТА.- 1261-ф., 84-оп., 63-иш, 34, 36-барактар; Туркестанские ведомости. – 1912, № 59.)
Жалпысынан алганда жер саясаты, оторлоштуруу жана жергиликтүү кыргыз калкын отурукташтыруу маселелерин чечүүдө эң негизги кызыкчылык падышачылыктын жана анын казынасынын кызыкчылыгы болгон да, ошол эле учурда кайсыл бир деңгээлде буржуазиялык, рынок мамилелеринин өнүгүшүнө аз да болсо шарт түзүп берген. Ал эми жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эң акыркы орунда болуп, отурукташкан калктын, көчмөн жана жарым көчмөн тургундардын социалдык-экономикалык өнүгүшү экстенсивдүү жана өтө жай өнүгүү жолуна түшкөн.
Адабияттар:
Вяткин М.П. Социально-экономическое развитие Средней Азии.
(Исторический очерк. 1865-1965).-Фрунзе: Илим, 1974.
Галузо П.Г. Вооружение русских переселенцев. -Ташкент: Издво среднеаз. комм. университета, 1925.
Галузо П.Г. Туркестан – колония.- М.: Изд-во комм. университета трудящихся Востока, 1929.
Ильясов С.И. Земельные отношения в Кыргызии в конце Х1Х – начале ХХ вв. -Фрунзе: Изд-во АН Кирг.ССР, 1963.
Кауфман К.П. Проект всеподданнейшего отчета генерал-адъютанта К. П. фон-Кауфмана 1-го по гражданскому управлению и устройству в областях Туркестанского генерал-губернаторства. 7 ноября 1867 г. -25 марта 1881 г. -СПб., 1885
Кененсариев Т. Кыргызстандын эң байыркы мезгилден ХIХ кылымдын соңуна чейинки тарыхы.//Жог.окуу жайл.үчүн окуу китеби.- Б.: Сорос-Фонду,1998. -10-бап.-259-295- бб.
Кененсариев Т. Переселенческий вопрос в политике царского правительства 2-ой пол. ХIХ-нач.ХХ в. //Изв. АН Кирг.ССР. Общ. науки.-Ф.,1989.-№ 1. -С.50-56.
Кененсариев Т. О некоторых методологических аспектах исследования истории Киргизии во 2-ой пол. ХIХ – начала ХХ вв. // Изв. АН Кирг.ССР. Общ.науки.-Ф.,1991. № 2.-С.35-40.
Кененсариев Т. К вопросу о политике царизма в отношении кочевников Кыргызстана во 2-ой половине XIX – начала XX вв.
//Ориентир. Анал. бюллетень № 2.2007.-С.13-22.
Пален К.К. Переселенческое дело. – СПб., 1910.
Пален К.К Поземельно-податное дело.- СПб, 1910.
Плоских В.М. Очерки патриархально-феодальных отношений в Южной Киргизии (50-70-е гг.Х1Х в.).- Фрунзе: Илим, 1968.
Положение об управлении Туркестанским краем. .-Ташкент, 1916.
Туркестанский край. Сборник материалов для истории его завоевания, собрал полковник А.Г. Серебренников.-Ташкент, 19121916.-Т.1-8, 17-22.
Савицкий А.П. Поземельный вопрос в Туркестане.-Ташкент: Изд. СамГУ, 1963.
Шкапский О.А. Переселенцы и аграрный вопрос.// «Вопросы колонизации», 1907, №1.
Усенбаев К. Общественно-экономические отношения кыргызов (вторая половина Х1Х – начала ХХ вв.). – Фрунзе: Илим, 1980.
Анжыян көтөрүлүшү жана колониялык саясат
Анжыян көтөрүлүшү бул тарыхый кокустук болгон эмес. Анын генезиси, максаты жана жыйынтыктары Орусиянын колониялык саясатынын кесепеттери менен тыгыз байланышта болгон. Башкача айтканда Орус колониялык саясатысыз Анжыян көтөрүлүшүн, Анжыян көтөрүлүшүсүз Орус колониалдык саясатынын андан кийинки жылдардагы репрессивдүү багытын элестетүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан бул эки процессти диалектикалык биримдикте кароо зарыл.
Орусиянын колониялык саясатынын негизги принциптери Анжыян көтөрүлүшүнүн себеби катарында каралышы абзел.
Анжыян көтөрүлүшүнүн келип чыгышын айтууда Орусиянын колониялык саясатынын негизги принциптерине кыскача токтолуп кетүү зарыл. Кийинки изилдөөлөрдө бул принциптер жөнүндө илимий түрдө концептуалдуу пикирлер коюлууда. Мисалы бул жөнүндө биз Сорос-Кыргызстан фондунан чыккан Кыргызстандын тарых боюнча чыккан окуу китебинин 10-бабында, андан мурунку макалаларда айткан элек (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын эң байыркы мезгилден ХIХ кылымдын соңуна чейинки тарыхы.//Жог.окуу жайл.үчүн окуу китеби.- Б.:Сорос-Фонду,1998. -10-бап.-259-295- бб.)
Орусиянын колониялык системасынын батыш Европалык колониялык системалардан айырмаланган бирденбир орчундуу өзгөчөлүгү болгон. Ал орус метрополиясы (борбордук Орусия) менен анын колонияларынын (четжакаларынын) ортосунда кандайдыр бир чоң, адам өтө алгыс географиялык тоскоолдуктун – тоо кыркаларынын, океандын же чөлдүн жок болушу. Орус апологеттери айткандай, Сибирь, Кавказ, Орто Азия сыяктуу чет жакалар Орусиянын нукура территориясынын уландысы катары каралган. Мындай өзгөчөлүк Англияда, Бельгияда же Францияда болгон эмес. Бул географиялык фактор, Орусиянын колониялык саясаты үчүн географиялык эмес, саясий мааниге ээ болгон. Ошондуктан орус колонизаторлору басылып алынган колониялардын узак мөөнөттүн ичинде нукура эле Орус жерине айланып кетишин көздөгөн да ХVI кылымдан баштап келе жаткан саясаттын жемиши катары Уралдын чыгыш жактары, Түштүк Орусия, Сибирь бир кездерде колониялык ээликтер болуп, ал эми ХIХ кылымдын экинчи жарымында нукура орус жери болуп калгандай эле, Түркстанга да ошондой максат коюлган. Ушул себептүү Орусиянын саясатчыларынын иштеп чыккан колониялык саясатынын биринчи жана негизги принциби ОРУСТАШТЫРУУ болучу. Орусташтыруу деген максат кеңири жана узак болуп, ага стратегиялык маани берилген. Акырындык менен түркстандыктар экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясы менен толук биригип кетүүсү, ал турсун идеологиялык жана руханий, дин жагынан да, одоно айтканда «орус болуп кетүү» максаты коюлган. Чынында, Сибирь, Түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери ушундай эле болбодубу.
Орусташтыруунун негизги каражаттарынын бири отор саясаты болучу. Келгин орустар падыша өкмөтүнүн Түркстандагы колониялык саясатына социалдык таяныч болуп, орусташтырууну ишке ашырышы керек эле. Ошондуктан Кыргызстанды караткан биринчи күндөн баштап эле бул жерде отор саясаты да кеңири ишке аша баштаган. Кыргызстандын түндүгүнө караганда түштүктө бул саясат 1890-жылдарда эле күчүнө кирген. Отор саясатынын негизги, колониячыл белгилеринин бири отор фонду болгон. Кыргыздардын жарамдуу жерлеринин эсебинен орус кыштактары үчүн жер берүү, кыргыздардын отурукташуусун колдобоо сыяктуу ыкмалар менен ишке ашырылган.
90-жылдардын башында Орусиянын борбордук губернияларында катуу ачарчылыктын натыйжасында ошол жылдары башталган агрардык кризис күчөп кеткен да, Түркстанга өтө көп сандагы кедей оторчулар келе баштаган. Мунун өзү отор саясатында өзгөрүүлөрдү киргизип, сандаган оторчуларды кыргыздардын айдоо жерлеринин эсебинен отурукташтыруу башталган. Иш жүзүндө отор фондунун түзүлүшү, кыргыздардын жарамдуу жерлерин орус келгиндерине таратып берүү, кыргыздардын отурукташуусун колдобоо сыяктуу ыкмалар менен ишке ашырылган.
Бул жергиликтүү тургундарга өтө оор эзүүнү алып келген. Анын үстүнө 90-жылдардагы Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү капитализмдин өнүгүшү, анын колониялардагы чагылышы, салык саясатынын күч алышы, жер, салык гана эмес, руханий, идеологиялык эзүүнүн күч алышын пайда кылган. Ошентип, орусташтыруу принциби негизинен алгач жер маселесинде чагылып, ал кийинчерээк экономиканын башка чөйрөсүндө, атүгүл дин, руханий жактан да көрүнө баштаган. Ошондуктан жергиликтүү калктын, айрыкча элет тургундарынын нааразычылыгы күчөп, азаттык кыймылын баштоого зарыл кырдаал пайда болгон. Демек, Анжыян көтөрүлүшүбү же башка көтөрүлүшпү – сөзсүз чыгуусу зарыл эле. Бирок, иш жүзүндө Дукчи Эшендин козголоңу келип чыкты.
Орусташтыруу принциби жер гана эмес бардык сфераларда чагылып, ал турсун дин, руханий жактан да көрүнө баштаган. Ошондуктан Анжыян көтөрүлүшүбү же башкабы сөзсүз чыгуусу зарыл болуп калган да, иш жүзүндө Дукчи Эшендин козголоңу келип чыкты. Ошентип чынында Анжыян көтөрүлүшү Орус колониялык саясатынын негизги принциби орусташтыруунун негизинде пайда болгон кыймыл болучу. Бул жерде баса көрсөтүүчү нерсе, көтөрүлүштүн басымдуу көпчүлүгүнүн кыргыздар болушу, Дукчи Эшендин кыргыздарга таянышы, көтөрүлүштү Ферганадагы отурукташкан тургундардын анча колдобошу, ал турсун шаардыктардын көтөрүлүшкө кошулуудан таптакыр баш тартышы ушуну менен түшүндүрүлөт.
Демек, 1898-жылы болуп өткөн бул окуя Фергана өрөөнүнүн көп улуттуу тургундарынын, анын ичинде элеттик кыргыз калкынын Орусияга каршы азаттык кыймылдарынын бири болуп саналат. Кыймылдын демилгечилери негизинен азыркы Жалал-Абад областынын Көгарт өрөөнүндөгү кыргыздар болуп, алардын көрүнүктүү жетекчиси Чыйбыл болуш Абдулла бий уулунун аракети менен 1895жылы алгачкы жыйын уюштурулат да, ошол мезгилдеги Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы элет кыргыздарына кеңири белгилүү болгон Мадали (Дукчи) Эшенге – Мухаммад Али Сабыр хальфа Софуевге кыймылга жетекчи болуп берүү сунуш кылынат. Алгачкы жылдары Мадали эшен көтөрүлүшкө жетекчи болуп берүүдөн баш тарткан. Ага карабастан ар жылы мындай жыйын жана сунуштар боло берген. 1897-жылы Мадали эшен макулдугун берет да, көтөрүлүшкө Фергана тургундарынын элетин гана эмес, шаар калкын да тартуу максаты коюлат, кеңири даярдыктар башталат.
(Чыйбыл Кокон хандыгынын мезгилинде Тогуз-Торо, Көк-Арт аймактарын бийлеген Абдилла бийдин уулу болгон. Абдилла бий Кудаярхан 1873-жылы ордого чакырып өлтүрткөн Шер датка баштаган 40 кыргыз бийлеринин бири катары эскерилет. Фергана өрөөнү 1976-жылы Орусияга каратылгандан кийин атасынын өлүмү үчүн Кокон хандыгына нааразы болушкан Чыйбыл агасы Нусуп экөө тең Орусия бийликтерине кирип, жергиликтүү башкаруучу «волосттук башкаруучу» – болуш болуп шайланышкан. Бирок колониялык саясаттын күчөшүнө, орус бийликтеринин жергиликтүү элге болгон мамилесине, айрыкча кыргыздардын семиз, сугат айдоо аянттарын тартып ала баштаган отор саясатына нааразы болгон Чый был өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунан баштап орустарга каршы көтөрүлүш чыгаруу идеясына оогон. Анжиян көтөрүлүшү басылган соң Чыйбыл болуш алгач өлүм жазасына буюрулуп, кийин сүргүн менен алмаштырылган. Токтогул менен Эшмамбеттин айтыштарында белгилүү болгондой Чыйбыл сүргүнгө Токтогул ырчы менен кошо кетип, Иркутскийдеги темир жол тоннелинде иштеп жатып, катуу ооруга учурап, 1907–1908-жылдары сибирь жарасынан көз жумган.)
Жашыруун максат айрым адамдар тарабынан орус бийликтерине белгилүү болуп калгандыгына, шаар калкынын жана кыштактарда жашаган өзбек, тажик тургундарынын басымдуу көпчүлүгүнүн көтөрүлүшкө катышуудан баш тарткандыгына карабастан, Дукчи эшен көгарттык, кетмен-төбөлүк, оштук, ноокаттык кыргыздарга, Кулу, Кува, Жеке-Тыт, Избаскан жана башка болуштуктарда жашаган кыргыз, өзбек, кыпчак, түрк тургундарына таянуу менен көтөрүлүштү 1898-жылдын 17-майында кечке жуук баштап жиберет. Ошол күнү Ошто, Ноокатта, Маргалаңда, Асакеде, Көгартта уюштурулган аракеттер ишке ашпай калып, Миң-Дөбөгө чогулган (азыркы Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районунун чегиндеги кыштак, эшендин ханакасы турган жер) Дукчи эшен өзү жана ичкилик кыргыздарынын дөөлөс уруусунан чыккан молдо Зиябидин Максым жетектеген 2000 чамалуу негизги топтун капыстан Анжиян гарнизонуна кол салышы көтөрүлүштүн негизги окуясы болгон.
(Мухаммед Зияуддин Максум-Дамулла Шариф оглы (Зиябидин Максым Мамашарип уулу) Анжиян уездинин Ичкилик болуштугунун Жүлгө кыштагында (Айтамга айлы) 1818–20-жылдарында туулган, ичкиликтердин дөөлөс уруусунун айтамга уругунан болгон. Ал кезегинде Кокон ордосунда мырза башы, казыначы болуп иштеп, ордодогу окуяларды кагаз бетине түшүрүп жазган. Акыркы изилдөөлөр тастыктагандай Зиябидин ХIХ кылымдагы билимдүү кыргыз окумуштуу-тарыхчысы болуп эсептелип, негизги чыгармасы «Фергана хандарынын тарыхы» болуп саналат (Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы.-Бишкек, 2007). Тарыхый маалыматтарга караганда Зиябидин көп жылдар бою Кокон ордосунда кызмат кылган жана саясый окуялардын күбөсү болгон. Бул жөнүндө В.П.Сальков: «Бул (Зиябидин Максым) жашы 80ге чамалап калган, кары болсо да чыйрак, тажрыйбалуу жана таасирдүү үгүтчү болгон. Ал Кокон хандары Малла, Мадали, Кудаярхандарга каршы көтөрүлүштөргө активдүү катышкан жана Полот хандын жакындарынын катарында болгон. Бирок, бул капсалаңдардын баарынан зыян тартпай, запкы көрбөстөн чыккан», – деп жазат.( Сальков В.П. Андижанское восстание 1898 г. -Казань, 1901.. – 36-бет.). Ал эми орус изилдөөчүсү Н. Ситняковский: «…Көп адамдар көтөрүлүштү Зиябидин жетектеп, ал эми Мадали анын жөн гана куралы болгон деп ойлошот. Эмне болгондо да Анжиянга кол салууда ага чоң роль таандык болгон», – деп жазат. (Ошонуку. Минтюбинский Ишан Мухамед-Али. //Туркестанские ведомости. – 1899. – № 1724.) Башка бир булактарда Зиябидин Максымды көтөрүлүштүн «жаны» деп эскеришет. (Андижанское восстание и его причины. //Туркестанский Сборник. – Т.471. – 188-бет).
Анжыян гарнизонуна кол салуунун натыйжасында 21 орус солдаты каза болуп, 1 аскер алган жараатынан ооруканада көз жумган. Каза болгондордун ичинде 2 унтер офицер, 2 ефрейтор, 2 барабанчы, калгандары катардагы солдаттар болушкан. Көтөрүлүштүн башталганынан бир күн мурун кабар алган орус бийликтери жазалоо отряддарынын күчү менен көтөрүлүштү тез аранын ичинде басышкан.
Мадали эшен 19-май күнү колго түшкөн. Зиябидин Максымдын кийинки тагдыры азырынча күмөн. Негизги архивдик булактар Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон деп тастыктаса, айрым бир тарыхый изилдөөлөрдө ал тирүү калып, кийин Чыгыш Түркстан тарапка качып кеткен деп жазылат. Жазалоо катаал болуп, Мадали Эшен баш болгон 22 киши дарга асылган. Кыргыздардан Оморбек датка, Чыйбыл болуш сыяктуу инсандар алгач өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо менен алмаштырылган. Көтөрүлүштүн катышуучуларынын жазалоодо соттолгон адамдардын улуттук курамы төмөнкү дөй болгон: кыргыздар – 257 (соттолгондордун жарымынан көбү), өзбектер – 112, түрктөр – 20, уйгурлар – 17, кыпчактар – 3, тажиктер – 5, каракалпак – 1 жана баары – 417 киши. Падыша өкмөтү Фергана тургундарын 130556 рубль өлчөмүндө чоң контрибуция төлөөгө мажбур кылып, МиңДөбө, Тажик жана Дөң-Кыштак тыптыйпыл талкаланган, тургундарынын аман калгандары көчүрүлүп чыгарылып, ордуна Мархамат аттуу орус кыштагы түзүлгөн.
Анжиян көтөрүлүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп түштүк элет кыргыздары эсептелет жана аны «Анжыян-кыргыз көтөрүлүшү» деп атоого да болот. Бул окуянын кыргыз элинин орус колониализмине каршы азаттык кыймылдарынын ичинен алгачкыларынан болуп, чоң тарыхый, саясий мааниси бар.
Анжыян көтөрүлүшүн Орусиянын колониялык саясатын ишке ашыруу этабындагы экинчи баскычка өтүүдөгү атайын чек катары кароо керек.
Орус колониялык саясатынын экинчи орчундуу принциби – Орус колониялык саясатын ишке ашыруудагы акырындык, этаптуулук болучу. Ошондуктан биз Орус колониялык саясатынын жүрүшүн эки этапка бөлүп жүрөбүз: Биринчиси – 1867–1886-жж. Мында орус колониялык саясатын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү шарттарды изилдөө, колониялык саясаттын принциптерин иштеп чыгуу жана аларды Түркстан крайын башкаруунун Жоболоруна чагылдыруу болгон. Бул этап 1886-жылы 10-июнда Түркстан крайын башкаруунун Жобосун кабыл алуу менен аяктады. Экинчи этап 1886–1916-жж. болгон. Бул этап кабыл алынган колониялык стратегиялык максаттарды ишке ашыруу этабы болгон. Аталган этапта орчундуу бурулуш ХIХ кылымдын аягы болду. Себеби, 90-жылдардын башында Орусиянын борбордук губернияларында катуу ачарчылыктын натыйжасында ошол жылдары башталган агрардык кризис күчөп кеткен да, Түркстанга өтө көп сандагы кедей оторчулар келе баштаган. Мунун өзү отор саясатында өзгөрүүлөрдү киргизип, сандаган оторчуларды кыргыздардын айдоо жерлеринин эсебинен отурукташтыруу башталган. Бул жергиликтүү тургундарга өтө оор эзүүнү алып келген. Анын үстүнө 90-жылдардагы Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү капитализмдин өнүгүшү, анын колониялардагы чагылышы, салык саясатынын күч алышы, жер, салык гана эмес, руханий, идеологиялык эзүүнүн күч алышын пайда кылган. Ошондуктан Анжыян көтөрүлүшү эки кылымдын тогошундагы Орусиянын колониялык саясатында олуттуу эволюциянын мезгилине туш келип, колониялык саясатты ишке ашыруунун экинчи баскычына өтүү рубежи катары каралышы абзел.
Анжыян көтөрүлүшү Орусиянын колониялык саясатынын репрессияга өтүүсүнө олуттуу түрткү болгон. Анжыян көтөрүлүшүнүн жыйынтыктары жана анын катышуучуларына болгон жазалоолор, репрессиялар илимий адабиятта кеңири белгилүү. Алар жөнүндө маалыматтар арбын. Анжыян көтөрүлүшүнүн катышуучуларына болгон репрессия бул локалдуу, бир гана окуянын кесепети. А чынында Анжыян көтөрүлүшүнөн кийинки колониялык саясаттын жүрүшүндө падыша өкмөтү глобалдуу же тоталдуу репрессияга өткөндүгү белгилүү. Глобалдуу колониялык репрессияга өтүүнүн негизинде Анжыян көтөрүлүшүнө окшогон кыймылдардын, жалпы эле Орусиянын колониялык саясатынын реакциялуулугунун күч алышынын негизинде Орусиянын империялизмге багыт алышынын себептери жатат. Бул репрессиялык багыт Фергана тургундары үчүн бир топ өзгөрүүлөрдү алып келген. Мисалы, Миң-Дөбө, Дөң-Кыштак, Тажик сыяктуу кыштактардын тыптыйпыл жок кылынып, анын ордуна арпа сээп коюлганы, а түгүл символдуу түрдө «Мархамат («кош келипсиз» – К.Т.)» аттуу орус кыштагынын пайда болуп калышы гана эмес, Анжыян көтөрүлүшүнүн активдүү чөлкөмдөрүнүн бири болгон Көгарт өрөөнүнө атайын пландуу түрдө орус кыштактарынын тизимин түзүү планы ишке ашырылган. Ал мезгилдеги Фергана облусунун губернатору генерал Абрамовдун демилгеси менен Көгартта орус кыштактарын түзүү пландалган. Натыйжада 1900-жылдардын биринчи он жылдыгынын ичинде Благовещенск, Михайловск, Архангельск, Таран-Базар, Семихатка сыяктуу бир нече орус кыштактары түзүлүп, алар кредит менен камсыз болушкан. Негизги максат элет тиктердин дагы болуучу козголоңдорунун жолун тосуу, алдын алуу максаты менен колониялык саясаттын таянычы катары ал кыштактардын тургундары куралдандырылган. Чынында, бул саясат ишке ашты. Көгарттык орустар бир топ оокаттуу болуп, кулакка айланышты, ал эми Совет бийлигин орнотуу мезгилинде алардын эсебинен генерал Монстровдун «Крестьянская армиясы» түзүлгөндүгү белгилүү. Ушундай эле иштер Куршабда, Өзгөндө да жүргөн. Жаңы кыштактар пайда болгон. Фергана өрөөнүндө орус куралдуу күчтөрү чыңдалган.
Репрессияга багыт алуунун мыйзамдуу бекиши 1906- жылдагы Столыпиндин агрардык реформасы менен ишке ашкан. Репрессиялык саясат андан ары уланып, натыйжада 1916-жылкы көтөрүлүштү пайда кылгандыгы, ал көтөрүлүштүн башы туптуура Фергана өрөөнүндө башталгандыгы илимий изилдөөлөрдө тастыкталган нерсе.
Анжыян көтөрүлүшү Фергана тургундарынын боштондукка умтулуусундагы экинчи аракети катары өзгөчөлүккө ээ. Анжыян көтөрүлүшү Фергана тургундарынын боштондукка умтулуусундагы 1873–76-жылдардагы элдик кыймылдан кийинки экинчи олуттуу аракет катары кабыл алынышы зарыл. Көтөрүлүштүн формасынын примитивдүүлүгү, анын аңкоо сезими (наивность), диндик чүмбөтү жана башка белгилери көтөрүлүштүн мазмунун жана маанисин өзгөртө албайт. Ал 1873–76-жылдардагыдай эле антиколониялык максатты көздөгөн, таптык белгилери менен эмес, жалпы калайык-калкты камтыган, масштабы кичине болсо да, бир топ аймакка таасир кылган элдик кыймыл болгон. Бул гипотеза менимче дагы да изилденер. Бирок, мен тарыхчы катары айтарым, Анжыян көтөрүлүшү кыргыз элинин боштондукка умтулуудагы экинчи бир чоң аракети болгон элдик кыймыл катары кыргыз тарыхнаамасында өз ордун алат.
Адабияттар:
Бабаджанов Б. Дукчи ишан и Андижанское восстание 1898 г.
// Ренессанс.-Ош, 2002.- Вып.3.-С.51-72..
Кененсариев Т., Авазов Э. Анжыян көтөрүлүшү жана кыргыздар.-Ош, 2002.
Кененсариев Т. Кыргызстандын эң байыркы мезгилден ХIХ кылымдын соңуна чейинки тарыхы.//Жог.окуу жайл.үчүн окуу китеби.- Б.: Сорос-Фонду,1998. -10-бап.-259-295- бб.
Лыкошин Н.С. К десятилетию Андижанской резни // Туркестанский сборник.-Т.466. Магзуни (Зиябидин Максым). Фаргана хандарынын тарыхы.-Бишкек, 2007
Сальков В. Андижанское восстание 1898 г. -Казань,1901.
Сенг-Заде. К 30 летию Андижанского восстания 1898 г.// Рев.в Ср.Аз.Кн. 1.-Ташкент, 1929.
Терентьев М. История завоевания Средней Азии- СПб.-1906.-Т.3.
Андижанское восстание и его причины // Исторический Вестник.-1907.-№5.
Штейнберг. Е. Андижанское восстание 1898 г // Красный архив.- М., 1938. 3 (88) – Т.3. -С. 123.
Ювачев И. Курбан-Джан датка каракиргизская царица Алая // Туркестанский сборник. -Т. 471.
Т.АСАНОВ
КЫРГЫЗДАРДЫН XVII–XVIII КЫЛЫМДАРДАГЫ
ЭТНОСАЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШҮНҮН САНЖЫРАДА ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
Кыргыз элинин калыптанышында жана этносаясий түзүлүшүндө оң канат жана сол канат уруулук курамы маанилүү орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтарга караганда, ал кыргыз элинин отуз уул деп аталган байыркы уруулук түзүлүшүнүн эки бутагын түзгөн (Абрамзон С.М., 29–30-б.; Жумабаев С., 10-б.; Нуров Г., 3–29-б.) Маселенин айланасында жүргүзүлгөн соңку изилдөөлөр, кыргыздардын уруулук бирикмесинин эки канатка ажырашы белгилүү бир экономикалык, саясий, этникалык жана демографиялык факторлордон улам башталган (Мокеев А., 47-б). Бул ойго басым жасаган А.Мокеев, дуалдык (экилтик, кош бирикмелик) уюмдашуунун этникалык маанисин, ириде бардык элдерди кыргыз урууларынын бийлигинин астында баш коштуруунун зарылчылыгына негизделгендигинен көргөн. Демографиялык фактор, деп андан ары оюн улайт, тарыхый булакка таянган автор, акырындык менен элдердин көбөйүшү жана ошонун айы нан жер үчүн ич ара келишпестиктердин пайда болушу, али биримдиги жок коомдогу олуттуу кыйынчылыктарды пайда кылгандыктан, мындай ички маселелерди жөнгө салуунун жарамдуу уюму талап кылынган. Анын үстүнө, Моголстан мамлекети кулагандан кийин аныкталган Кыргызстандын саясий өз алдынчалыгы, XVI кылымдын баш чендеринде, ички чарбалык-экономикалык жана этникалык алакалардын андан ары өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тарыхый булактарга таянган А. Мокеевдин бул оюн көп жагынан туура деп айтууга болот. Бирок, патриархалдык көчмөн түзүлүшкө негизделген кыргыздардын мындай уюмдашуусун, XVI кылым менен гана чектеш кеч эмеспи. Балким ушул мезгилди, кыргыздардын Теңир-Тоо аймагындагы саясий этникалык биригүүсүнүн жана баш кошуп уюмдашуу жараянын аякташы катары кабыл алганыбыз оң болуп жүрбөсүн.
Санжыра боюнча Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары бир энеден туулган эгиз уулдар катары айтылат. Ак уулдан оң канат, Куу уулдан сол канат уруулары тарайт. Ак уулдан Адигине, Тагай жана Муңгуш аттуу уулдары, ошондой эле, алардын улуусу Наалы деген кыз жөнүндө баяндалат. Атадан эрте калган балдарды Наалы чоңойтуп эрезеге жеткирет. Оң канаттын негизги уюткусу аталган генеалогиялык ысымдардын айланасында түзүлөт. Бирок, уламышта негизги фигура катары Адигине, Тагай айтылат. Инилери бойго жеткенде эжеси малды Адигинеге, бийликти Тагайга жана Муңгушка бөлүп берет. Бийликтин айынан Адигине Тагайга нааразы болуп ич ара келишпестик пайда болот (Айтбаев М.Т., 47-б.; Абдыш Мамбетиса уулу. 43-б.). Экинчи бир уламышта, Адигине менен Тагай, энчи бөлүү тоюн өткөрүп, кыргыздын салты боюнча малды, элди экиге бөлөт. Оштун Кара дарыясын чек кылып күн батыш жагын Адигине бий, күн чыгыш жагын Тагай бий алган. Энчи бөлүшкөндө эки жаат болуп, ордо атышат. Бул адат эле. Ордонун айынан чыр чыгып эки тарап чабышат. Чыр араң басылып, Адигине менен Тагайдын ортосундагы кастык күчөйт. Натыйжада, Тагай өз элин гана башкарып калат. Анын ээлеген жерлерине башы Ат-Башы, батышы Наманган, аягы Кетмен-Төбө Чаткалга чейинки жерлер кирет. (Бала Айылчы., 11-б). Демек, бул маалыматтар кайсы бир деңгээлде оң канаттын ичиндеги өз ара бөлүнүү, болгондо да алардын саясий эки бутакка ажырашын чагылдырып жаткандыгын байкайбыз. Көрсөтүлгөн аймактар, өзгөчө Кара дарыянын алабы санжыранын башка варианттарында Адигине менен Тагайдын энчи бөлүшкөн жери катары айтылат (Солтоноев Б., 86–87-б.). Ал тургай Бернштам талдоого алган «Батыш аймактарынын географиялык жазылышы» (Си-юй-тучжи) аттуу 1782-жылга таандык Кытайдын даректүү тарыхында, батыш жана чыгыш кыргыздары жөнүндө маалыматтар келтирилип, чеги катары Кара дарыя көрсөтүлгөн (Бернштам А., 127 б.). Тарыхый булак кыргыздардын чыгыш бутагынын ээлеген аймактары, Кара-Буура суусунун (Талас суусунун сол куймасы) жогорку алабына чейин созуларын белгилейт. Ушул маалыматты чечмелөөгө аракеттенген А. Бернштамдын пикиринде, Кытай тарыхындагы батыш жана чыгыш кыргыздары деген аталыш, Адигине жана Тагай деген эки конфедерациянын бөлүнүшүн эске алган. Уламыштагы маалыматтар жана А. Бернштам талдоого алган кытай дарегиндеги Кара дарыянын чыгыш жана батыш кыргыздарынын чеги катары көрсөтүлүшү, анын тарыхый географиялык аймак экендигин айгинелейт. Андыктан, тарыхый булактардагы маалыматтарда сөз Кара дарыянын алабы, оң канат курамынын саясий тарыхында түндүк кыргыз урууларынын башын бириктирген Тагай, түштүк кыргыз урууларынын башын бириктирген Адигине бутактарынын өсүп чыгышындагы маанилүү тарыхый аймак жөнүндө кабар берип жаткандыгын баамдайбыз.
А. Бернштам талдоого алган кытай дареги боюнча чыгыш бутагына кирген беш уруунун ичинен сарыбагыш жана саяк гана белгиленип, ал эми батыш кыргыздарындагы 15 уруунун ичинен адигине, моңолдор, черик жана басыз уруулары эскерилген. Сыягы аталган булакта, эки саясий бутактын курамына кирген уруулар толук көрсөтүлгөн эмес. Бирок, 1763–1770-жылдардын аралыгында негизинен Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигинин аскер чиновниктеринин жеке байкоолорунун негизинде түзүлгөн «Си-юй-чжи» («Батыш аймактарын баяндап жазуу») аттуу даректе, кыргыздар 220 жыл мурун, б.а. XVI кылымдын ортосунда, түштүк («тогуз уул» – «то-го-со-хо-лэ») жана түндүк («кыргыз» – «кэ-эр-гэ-ци-сы») деп аталган бутактарга ажыраганы баяндалат. Кол жазмада кыргыздардын түштүк («Тогуз уул») бутагына кыпчак, каратегин, багыш, адигине, бөрү, найман, жору, төөлөс уруулары ал эми түндүк («кыргыз») бутагына саяк, сарыбагыш, кытай, кушчу, саруу, моңолдор, солто, ават, мундуз, черик уруулары кирген (Супруненко Г.П., 2–3-б, 78-б.) Тегинде бул маалыматтар, кыргыздардын саясий уюмдашуусун билүүгө кызыкдар болгон кытай төбөлдөрү үчүн уруулардын этникалык түзүлүшүнө караганда, алардын чыгыш (түндүк) жана батыш (түштүк) бутактарында топтолгон уруулардын саясий түзүлүшүнө маани бергенин көрөбүз. Анткени, Чыгыш Түркстанды басып алып батыш аймактарга өзүлөрүнүн үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн кытай бийликтеринин бул маалыматтары, кыйла так болууга тийиш. Демек, ХVIII к-дын IIчи жарымындагы түзүлгөн саясий абалга караганда, Кыргызстанда аймактык-географиялык жана саясий негиздеги уруулук эки бирикме жашап турган. Жуңгарлардын кысымынан кутулган чачкын кыргыздар, кыязы түпкү журттарында аймактар боюнча уруулук-генеалогиялык бөлүнүүгө ылайык топтобу менен өз алдынча жайгашуу мүмкүн чүлүгүнө ээ боло алган эмес. Жогоруда келтирилген маалыматтар ырастагандай оң жана сол канатка кирген, алтургай ичкилик урууларынын бири-бири менен аралаш жайгашуусу буга далил боло алат.
Аталган бирикмелердин келип чыгышы буга чейинки тарыхый жараяндар менен байланышып, кыргыздардын Ала-Тоо аймагын толук ээлеп өздөштүрүшү алардын саясий уюмдашуу түзүлүшүнө олуттуу таасир бергендигинен улам башталган. Ошол мезгилдеги саясий кырдаал болжолу, оң канаттагы жана сол канаттагы саясий тең салмактуулуктун бирдей абалда сакталышын камсыз кылбаган өңдөнөт жана XVI к-дын IIчи жарымында Оштун үстү Кара дарыяда оң канат уруулук бирикмеси, Адигине жана Тагай деп аталган эки саясий бутакка ажыраган. Ушул тарыхый окуядан 200 жылдан ашык мезгил өткөндөн кийин, XVIII к-дагы кытай даректеринде белгиленген Адигине жана Тагай бутактары батыш («түштүк» – «тогуз уул») жана чыгыш («түндүк» – «кыргыз») кыргыздары деп аталган уруулук саясий бирикмелерди (конфедерация) түзүп турганын көрөбүз. (Бернштам А., 127-б., Супруненко Г. П. 78-б.)
Буга чейин XVI к-да Моголстан аталган ири аймактын кыргыздардын колуна өтүшү, ал жердеги могол урууларынын калган-каткан бөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуу менен аяктаган. Алардын чоң бөлүктөрү, «моңолдор» деген жалпы этникалык ат менен оң канаттын курамына кирип анын структуралык түзүлүшүн кеңейткен. Ал тургай, могол этностук чөйрөсүнө таандык баарын, баргы, черик, дуулат сыяктуу ж. б. уруулук топтордун оң канатка кириши, моголдор негизинен кыргыздардын аталган бөлүгү менен жуурулушкандыгынан кабар берет.
- к-дын IIчи жарымынан тартып, кыргыздардагы башкаруу жана бийлик системасын калыптандырган дуалдык негиздеги уюмдашуу түзүлүшү, алардын өз алдынча саясий ээликтерин бекемдөө менен кыска мезгилдин аралыгында көчмөн мамлекеттин пайдубалын түптөөгө жетишүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Бирок, Моголстандын кеңири мейкининдеги тоолуу аймактарды мекендеген кыргыздар, жергиликтүү географиялык өзгөчөлүктөр менен бирге, өзүлөрүнүн көчмөн табиятына мүнөздүү патриархалдык-уруулук салт-санаалардын таасиринен, дуалдык түзүлүштүн тарыхый нугу улам башка жакка бурулуп өзгөрө турган жагдайга туш болгон. Түзүлгөн ушундай тарыхый кырдаалдан кийин, кыргыздардын дуалдык этносаясий түзүлүшү урууларды баш коштурган миссиясын аяктоо менен өз күчүн жоготуп, бирок, ал кыргыз урууларын бириктирүүчү олуттуу идеологияга айланган. Тактап айтканда, ал элдин тарыхын чагылдырган санжыралык мүнөзгө өтүп, кыргыздардын Теңир-Тоодогу адепки «отуз уул» жана «он уул» уруулук бирикмесинен кийинки соңку тарыхта, оң канат жана сол канат уруулук курамынын келип чыгышы жөнүндө баалуу даректерди сактап калгандыгын көрөбүз (Асанов Т., 46-50-б). Кыргыз урууларынын саясий уюмдашуу түзүлүшү эми башка деңгээлге өтүп этносаясий жана географиялык, о.э., экономикалык жана демографиялык факторлордон улам дуалдык уюмдашуунун ички саясий структуралык түзүлүшү олуттуу өзгөргөн. Натыйжада, кытай даректери жана санжырадагы маалыматтар ырастагандай оң канат уруулук бирикмеси Адигине жана Тагай аталган эки саясий бутакка ажыраган. Иш жүзүндө бул эки бутак, кыргыздардын соңку орто кылымдардагы саясий түзүлүшүнүн салттарын улантуучу катары тарыхый майданга чыккан.
- кылымга таандык «Маджму ат-Таварихтеги» маалыматтарда, Тагай бутагынын курамын түзгөн жедигер, бугу, солто, сарыбагыш жана саяк урууларынын аты учурайт. С.М.Абрамзон «Маджму ат-таварихтеги», «уруууруктук структуранын даана берилиши, XVI кылымда кыргыз элинин этникалык курамынын турукташып калгандыгын аныктайт», – деп жазганы бекеринен эмес (Абрамзон С.М., 27-б). Эгер ушул көз караш боюнча алсак, Тагай бутагынын структуралык түзүлүшү белгилеген уруулардан да көп болууга тийиш эле. Анткени, ушул маалда, Моголстандагы кыргыздардын башка урууларды өзүнө сиңирип алуунун тарыхый жараяны жүзөгө ашып жалпы эле ошол аймактагы ири этникалык алакалардын тарыхый өтмүшү аяктаган жана кыргыздар, өзбектер менен казактардай өз алдынча саясий мамлекеттик түзүлүшү бар эл катары чыккан (Пищулина К.А., 54-б). Саясий түзүлүштүн курамына кирген оң канаттын тагай тобунун негизин сарыбагыш, солто, бугу, багыш, жедигер, саяк, азык, черик, моңолдор уруулары түзүп, бул структуралык курам XVI кылымдан кеч калыптанышы мүмкүн эмес эле. Мындай түзүлүш, уруу-уруктук уюмдашуунун төмөнкү баскычынан тартып, уруулук-патриархалдык принциптерге негизделген бийликтин жана башкаруунун системасын калыптандырып, көчмөн мамлекеттин саясий жана социалдык уңгусун аныктай баштаган. Алардын ички структуралык түзүлүшү, мурдатан келе жаткан салттуу жол-жоболорго жана мыйзамдарга негизделип, уруулардын курамындагы төмөнкү уруктук топторго чейинки баскычтарды да камтыган. Ар бир урук, белгилүү бир уруунун курамына кирүү менен анын саясий жана административдик бөлүгүн түзгөн. Уруу өзүнүн айланасына сөзсүз эле генеалогиялык жакындыктар боюнча эмес саясий негизде да, башка уруктарды топтой алган. Ошентип, Тагай бутагынын негизи белгилүү саясий себептерден кийин түндүк Кыргызстандагы оң канат жана сол канат урууларын баш коштурууга мүмкүнчүлүгү бар күчтөрдүн бирине айланган. Уруулардын конфедерациялык мүнөздөгү мындай саясий уюмдашуусу, түндүк кыргыздардын көчмөн мамлекеттик бирикмесин аныктай баштаган. Мамлекеттин негизги саясий белгилери катары, бийлер институтуна негизделген башкаруу системасы, санжырада орун алган туруктуу идеологиясы, о.э. бирикменин (конфедерациянын) тутумундагы уруулук өз алдынчалык жана жетиштүү өлчөмдөгү жер, жайыт чектерине ээлик кылуудан улам башталган. Бирок, уруулук өз алдынчалык патриархалдык талаптардын чегинде гана жүрүп, чынында, алар саясий жактан жалпы бийликти кармап турган «чоң бийдин» башкаруусуна моюн сунушкан. Жалпы саясий башкарууну колго алып чарбалык маселелерди жөнгө салуу менен учуру келгенде чоң бий аскердик жетекчилик милдетти да аткарган. ХVII к-дын 20–30-жылдарында мына ушундай бийликти кармап турган инсандардын бири Б.Солтоноев билдиргендей багыш уруусунан чыккан Көкүм бий болгон (Солтоноев Б., 101-б.). Ушул маалымат, санжыранын башка варианттарында учурап Көкүм бийди кыргыздын биринчи башкаруучусу катары санашат (Үмөт Молдо., 10–12-б).
Санжыраларда Көкүм бийдин ишмердүүлүгүн казак ханы Эшимдин (1568–1628) башкаруу заманындагы тарыхый окуяларга байланыштырып, андан кийин кыргызды кан Теиш башкаргандыгы жөнүндө маалыматтар эскерилет (Абдырахманов Ж., 145-б). Багыш уруусунун санжыраларында кан Теиш, Көкүм бийдин бирде уулу, бирде небереси болуп айтылат. Ал эми Ч. Валиханов жазып алган уламыш маалыматтар боюнча, казактарды Эшим хандын небереси Тооке Жаангер уулу менен кыргыздын Теиш бийи башкарган деген маалыматка караганда (Валиханов Ч.Ч.,170-б), ал кыргызды 1660–1770-жылдары бийлеши мүмкүн. Тооке хандын (1660–1715-жылдарда бийликте турган) Жаңыл Мырзанын окуясына тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар бул ойду кыйыр түрдө ырастайт (Солтоноев Б., 111-б.; Абдырахманов Ж., 145-б.). Экинчиден, Б.Солтоноев келтирген ошол эле маалыматтарда Эр Эшим башында турган кыргыз-казак күчтөрүнүн калмактарга каршы согушунда, арка кыргыздарынын башчыларынын бири Манап аттуу инсан болгон жана ал Иле суусунун боюндагы калмактарга каршы согушта курман болгондугун баяндайт (Солтоноев Б., 101-б.) Эшим хандын жетекчилиги менен мындай согуштар 1619, 1620–25-жылдары болуп өткөн (Моисеев В.А., 27–28-б). Б.Солтоноев, Манап өз доорунда эл башында туруп бийлик жүргүзгөн төбөлдөрдүн бири экендигин белгилейт. Тарыхтын соңку мезгилдеринде, Манаптын урпактары Үчүкө баатыр, кан Кудаян жана Мааматкул бий элди бийлеп тургандыгы жөнүндө маалыматтар санжырада жакшы сакталган (Супатай уулу Амандын айтуусу боюнча). Келтирилген маалыматтарга көз жүгүртүп Тагай бутагында башкаруу борбордошкон мүнөздө болбосо да, урууларды саясий негизде бириктирген бийликтин өкүм сүргөндүгүн көрөбүз. Ошондуктан, бир эле маалда кыргыз урууларынын саясий уюмдашуусунун негизин түзгөн Талас, Аксы, Кетмен-Төбө жана ага ыкташ жайгашкан жерлердеги урууларга Көкүм бий башчылык кылып, кийинчерээк бийлик кан Теишке өтүп, бул топко жеке эле оң канат уруулары кирбестен, сол канаттын негизги бөлүгү кошулгандыгын белгилөө зарыл. Ал эми алардын Ысык-Көл, Нарын жана Чүй аймактарындагы бөлүгүндө Манап башчылык кылган деп айтууга болот.
Манаптан кийин бийлик анын тукумдарына өткөн. Үчүкө баатыр казактын Тооке ханынын тушунда башкарып, болжол менен 1670-жылдардын орто чендеринде каза болгон. Андан кийин элди Кудаян бийлеп анын мезгилинде калмактар кыргыз жергесин басып кирген. 1685–1697-жылдардын аралыгында калмактардын кысымынан түндүк кыргыздардын алгачкы тобу түштүктү карай сүрүлгөн. Ошентип, XVII кылымдын акырына чейинки мезгилдин аралыгында, биз талдаган кыргыз урууларынын саясий уюмдашуусу, тийиштүү деңгээлде алардын коомдук саясий жана чарбалык-экономикалык муктаждыктарын камсыз кылган о.э., тышкы мамилелердеги кызыкчылыктарын коргой алган.
Кыргыздардын бул мезгилдеги саясий уюмдашуусу, чакан үлгүдөгү көчмөн мамлекеттик түзүлүштү элестеткен. Албетте укуктук пайдубалы патриархалдык уруулук заң-мыйзамдарга негизделген мындай түзүлүштүн шартында, бийликти борборлоштуруунун өзү мүмкүн эмес эле. Сыягы, ага караганда уруулардын генеалогиялык жалпылыктарына негизделген башкаруу ыкмасы, саясий да жана идеологиялык жактан да өзүн актай алган. Ушундай шартта, мамлекеттик бирикменин саясий негизин түзгөн ар бир уруунун башкаруучу бийлеринен сырткары, жалпы бирикменин башында турган «жогорку башкаруучу» (верховный правитель) «чоң бий» шайланып, ага андан төмөн турган уруулук бийлер номиналдуу баш ийишкен. Санжырадагы маалыматтардын ырастаганы боюнча XVI кылымдын акырынан тарта, белгиленген саясий түзүлүш түндүк кыргыз урууларына өтө мүнөздүү болгон. Мындай түзүлүш, кыргыздардын көчмөн турмушуна толук ылайыкташып, патриархалдык-уруулук заң-мыйзамдарга негизделген бийлик талаптары, саясий жана чарбалык, о.э. аскердик-коргонуу маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Башкарууну ишке ашырууда мындай жагдай жеке бийликке жол берген эмес. Тактап айтканда, бийлик белгиленген функцияларды аткаруу менен ар кандай олуттуу маселелерди чече келгенде, жогорку башкаруучу саналган чоң бийге эл акыл салып, калган учурларда уруулардын өз алдынчалыгына жол берилген. Бирок, түндүк кыргыз урууларынын мамлекеттик бирикмесинин түптөлүшүнө андан ары бекемделишине, ички саясий жана географиялык жагдайлар менен кыргыз конуштарын жуңгар-калмактардын басып кириши терс таасирин тийгизген. Тагай бутагына баш кошкон уруулар калмактардын кысымынан Фергананы көздөй жылууга аргасыз болгон. Түндүк кыргыз урууларынын отуз-кырк жылдан ашык четте жүрүшү, алардын саясий түзүлүшүн бошоңдотуп, бирок уруулардын муруңку салттуу уюмдашуу түзүлүшүнүн негизин сактап калган.
Цинь-Кытай империясынын Жуңгар мамлекетин кыйратып эми Чыгыш Түркстанды басып алууга жасаган аракеттеринин күч алышы, кыргыз урууларынын өз алдынчалыгын сактап калуунун маселесин кайрадан алдыга койгон. Аны менен бирге өз жерлерине кайтып келип, али чачкын жайгашкан уруулар баш аягын жыйгыча, калмактардан кийин кыргыз жерлерине ээлик кылууга талапкербиз деп санаган кытай бийлигинин Чыгыш Түркстандагы өкүлдөрү, жер жана жайыт маселесин көтөрө башташкан. Ушундай шартта кыргыз урууларынын саясий жана аймактык биримдигин бекемдөөнүн жана сактап калуунун зарылчылыгы келип чыккан.
Б.Солтоноевдин маалыматтары боюнча бул мезгилде сол канаттын курамындагы кушчу, саруу, кытай уруулары Меркенин күн чыгышынан тартып Таластын батышына чейинки аймактарды ээлеп, башчысы Бүргөнүн атасы Жетим баатыр болгон. Солтолор Меркенин күн чыгышынан Ысык-Атанын күн чыгышына чейин ээлеп, Кетмен-Төбөдө 85 жашында Кошой бий өлгөндөн кийин башчысы Жамансарт экендиги айтылат. Саяктар Кетмен-Төбөдө турганда, арасы бузулуп алардын Мурат Алдакоргон баштаган бөлүгү Жумгал, Нарынга келип орношкон. Сарыбагыштар күн батыш Чүйдүн, ЫсыкАтанын күн чыгышынан Чүйдүн көкүрөгү Ысык-Көлдүн көчүгү Кочкор жана Нарындын түн жак тоосун ээлешкен. Башчысы Тынай менен Мааматкул болгон. Бугулар бүткүлү менен күңгөй-тескей, көл баштарына келип орношкон (Солтоноев Б., 150–151-б.).
Кыргыздардын өз конуштарына келип жайгаша баштаган мезгил кытай дареги «Си-юй-чжиде» да баяндалат. Андагы маалыматтар билдиргендей кыргыздардын түндүк бутагына кирген уруулардын ичинен: 2000 түтүн Болоттун сарыбагыш буруттары Туюк-Жарда, 600 түтүндөн ашык Черикчинин бугу буруттары Үч-Таш-Маралда, 400 түтүн
Мураттын басыз буруттары Марал деген жерде, 300 түтүн Ажыбайдын моңолдор буруттары Ала-Букада, 600 түтүн Жамансарттын солто буруттары Онбештак деген жерде, Ныша 300 түтүнү менен Суусамырда, Караколдо (Таластын башы) 600 түтүн Нарботонун кушчу уруусу, Чүй жана Таласта Майтыктын 1500 түтүн кушчу буруттары, Таластын Кара-Буура жана Үйүрлүү-Маралында саруу буруттары жайгашып малчылык жана жер иштетүү менен оокат кылышкан (Супруненко Г. П., 82-б.).
Кытай булактарында чыгыш (түндүк) буруттары аталган кыргыздардын бул бөлүгү А. Бернштам туура баамдагандай Тагай конфедерациясы деп аталууга тийиш. Чыгыш жана батыш буруттардын чеги катары Кара дарыя көрсөтүлүп, чыгыш (түндүк) буруттардын таралышы Кара-Буура суусуна (Таластын сол куймасы) чейин бара тургандыгы, о.э., алар калмактардын кысымынан Анжияндын чет жакаларында жүрүп Жуңгария Кытайга толук баш ийгенден кийин өзүлөрүнүн байыркы жайыттары Кегенди, Каркыраны жана Темиртуну (Ысык-Көл) кайрадан ээлешкендиги айтылат (Бернштам А. 128-б.).
Тагай бутагы уруулардын саясий бирикмеси катары эзелки салтка ылайык, буга чейин туруктуу аныкталып келген көчмөн коомдук түзүлүштүн жол-жоболоруна ылайык уруулардын саясий уюмдашуусун мындан ары да бекемдеген. Бирикмедеги (конфедерациядагы) бийлер институтуна негизделген башкаруу системасы, уруулардын үстүнөн бийлик жүргүзүүнүн негизги каражаты болгон. Кытай булактарынын ырастаганы боюнча, ошол мезгилде кыргыздардагы ээлик кылуучулар «бий» деп аталган. Бийлер ондон жыйырмага чейин, айрымдары отузга чукул айылдарды ээлешкен. Бийлердин жерлери жана кол алдында баш ийгендери бар. Алардын бардыгы бир катарда турат жана бири-бирине көз каранды эмес. Качан бий өлгөндө анын ордуна уулун же бир тууганын да йындашат. Башкалардын буга укугу жок деп айтылат (Бернштам А., 127-б.). Кытай булактары кыргыз коомундагы бийликтин реалдуу өкүм cүргөндүгүн жазган. Жыл сайын, деп айтылат ошол булактарда, жалпы башкарууну колго алган жана ага бардыгы баш ийген бир башчыны (булакта «чжан» деп айтылган) шайлашат. Башчылыкка шайлангандын ысымы Маматкулу (Ма-му-гу-ху-ли) (Бернштам А., 128-6.). А.Бернштамдын пикиринде, кытай булактарында берилген башкаруучу титулу, аныгында ошол мезгилде кыргыздарды башкарып турган шайлануучу ханды эске алган. Окумуштуунун бул ою санжыраларда кыйыр далилденет. Мисалы, 1897-жазылган санжыранын көчүрмөсүн Момункул Деркенбаев сактап келген. Кол жазмада кыргыз уругуна Мааматкулду башчы кылып кан ордуна көтөрүп, бийлик бергендиги тууралуу маалыматтар учурайт (Деркембаев М., 72-б.) Алымбеков Тургунбектин санжырасында Мааматкул Кетмен-Төбөдөгү кыргыздардын башында туруп калмактарга каршы күрөштү жетектеп элди Ысык-Көлгө, Чүйгө көчүрүп келген инсандардын бири болгон (Алымбеков Т., 5-б). Ошондуктан, кытай бийликтери да кыргыздар менен саясий алакаларды түзө баштаганда, жалпы уруулук бирикменин башчысы катары Мааматкул бий менен сүйлөш үүлөрдү жүргүзүп, кыргыз урууларынын өкүлдөрүнөн турган элчилердин тобун, императордун кабыл алуусуна жиберүү жөнүндө макулдашууларга келишкен. Анын үстүнө ушул окуяларга чейин, өз конуштарына кайтып келген кыргыздардын конфедерациялык мүнөздөгү уюмдашкан түзүлүшүнүн саясий негизин бекемдөөдө Мааматкул бий негизги роль ойногон. Кытай императорлорунун жергиликтүү кыргыз бийлеринен алган маалыматтары боюнча Таластагы 4 миң түтүн кыргыздар Мааматкул бийге баш ийип турган жана жардамчылары Каработо кытай уруусунан, Майтык кушчудан жана Акбай саруу уруусунан болгон (Супруненко Г.П., 21-б.). Демек, Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын конфедерациялык мүнөздөгү түзүлүшүнүн уюткусун сол канаттан – кытай, кушчу, саруу, оң канаттан – сарыбагыш, саяк, бугу, чекир-саяк, солто, моңолдор, черик ж.б. уруулар түзгөн. Мындай саясий биримдик, уруулардын жалпы кызыкчылыгына аймактык бүтүмдүүлүктү коргоп калууга багытталган аракеттерди жүзөгө ашыруу менен мүнөздөлгөн. Уруулардын өсүп-өнүгүүсү менен XVII кылымда кыргыздар ири көчмөн элдердин бирине айланып, оң канат менен сол канат структуралары турпаты боюнча надстройкалык, ал эми мазмуну идеологияны чагылдырып калган. Мындай тарыхый шартта географиялык факторлордон сырткары, аймактагы саясий өзгөчөлүктөрдөн улам оң канат жана сол канат структурасынын ичинен жаңы бирикменин бөлүнүп чыгышы табигый көрүнүш болгон. Натыйжада, XVI кылымдын IIчи жарымында калыптанган кыргыздардын саясий түзүлүшү жуңгар-калмактардын баскынчылыгынан ки йин кайрадан жанданып, XVIII кылымдын 50-жылдарында уруулардын баш кошуусу саясий бирикменин (конфедерациянын) толук кандуу деңгээлде өкүм сүргөндүгүн ырастап турган.
Түндүк кыргыз урууларынын саясий түзүлүшүндө, бийлик уруулук иерархиялык талаптарга негизделип, бийлер аркылуу жүзөгө ашырылган. Мамлекеттин курамын түзгөн уруулардын ички структурасы эзелки патриархалдык традициялардын катуу сакталышы менен бекемделген. Уруу кезегинде, жогор жактагы башкаруучу чөйрөнүн көрсөтмөсүн алып ага баш ийгени менен көпчүлүк учурларда башкаруу бийлигинин өз алдынча автономиясына жол берилген. Жогорку башкаруучу бийдин алдында, сыягы жалпы бийлердин кеңеши-тобу өкүм сүрүп олуттуу маанидеги маселелер макулдашылып чечилген. Конфедерацияда толук кандуу мамлекеттик башкаруу аппараты жана жетиштүү даражадагы алык-салык саясаты болбогон күндө да, мамлекеттин ички структурасы уруулук-патриархалдык талаптардын негизинде бекемделип туруктуулука ээ болгон. Ошондуктан мамлекеттик кайсы бир иштердин аткарылышы же жөнгө салынышы үчүн атайын мыйзамдардын чыгарылышы зарыл эмес эле. Анын ишке ашырылышына мурдатан колдонулуп келген салттуу заң-мыйзамдар жана суроо-талаптар жетиштүү болгон. Мамлекеттеги жогорку башкаруу бийлигинде турган башкаруучу инсан, «чоң бий» же болбосо «чоң баатыр» аталып, бирикмедеги (конфедерациядагы) ички жана тышкы саясатты жөнгө салуу менен жалпы аскердик жетекчиликти колго алган. Мындай бийликти кармап турган Мааматкул бий, айтылуу Үчүкө баатырдын уулу, анын бешинчи муундагы атасы Манап бий болгон (Мухаммед Али Кыпчаки., 37-б.) Черикчи бий сарыбагыш уруусунан башкарып, бир эле маалда бугуларды бийлеген (Супруненко Г.П., 9-б). Кытай булактары боюнча чекир саяктардын башкаруучулары Түлкү бий менен Шербек 500 түтүн элдин үстүнөн бийликти тең бөлүшкөн (Супруненко Г.П., 21-б). Түлкү бий Айта уулу, аталган уруунун кулжыгач бутагындагы итэмген тобунан чыккандыгы жөнүндө С.Абрамзондун маалыматтары дагы бир ирет такталды (Абдырахманов Ы., 18-б.). Орус автору капитан Андреевдин маалыматы боюнча анын уулу Кедей 1785-жылы саяк волостун башкарып турган (Аристов Н.А., 51-б.) Конфедерациянын курамындагы сол канат урууларын Каработо бий башкарган. Кытай уруусунун байтике бутагындагы кыйла тобунан чыккан Каработо Кочкор уулу, эл башкарып кан болгондугу айтылат (Тойлубай уулу Сатыйдын айтуусу боюнча). Каработо бийден кийин бийликке тиешеси бар инсандын бири, 70 жаштагы кушчу уруусунун бийи Майтык эсептелген (Супруненко Г.П., 25-б). Майтыктын уулу Эшботонун да бийликке аралашканы, кытай булактарында эскерилет. Сол канат урууларынын, кытай императоруна бара турган элчилерге Каработо өзүнүн жээни Хабицини (кытай транскрипциясында берилген бул ысымды окшоштурууга азырынча мүмкүн болбоду – Т.А.), Майтык кичүү иниси Шүкүрдү жана саруулардан Акбайдын уулу Боруке менен Айдарбектин иниси Ноци кошула тургандыгы алардын чабармандарынын алдында макулдашылган (Кузнецов В.С, 42-б.) Келтирилген маалыматтар кайсы бир даражада конфедерациялык мүнөздөгү кыргыз урууларынын бирикмесинин, ошол мезгилдеги тышкы саясий мамилелеринен кабар берет. Конфедерациянын ички түзүлүшүнүн, саясий структуралык курамын айкындоодо дагы бул маалыматтардын олуттуу мааниси бар. Эгер маселени ушул өңүттө алып карасак, конфедерациянын структуралык курамын түзгөн кытай, кушчу, саруу ж.б. уруулардын бийлери, иерархиялык негизде Каработо бийге баш ийишкен. Өз кезегинде булар чогулуп жогорку башкаруучу чоң бийге тийиштүү жагдайларда көз каранды болушкан. Бул адатта тышкы жана чарбалык, о.э. аскердик маселелер менен байланышкан. Калган убактарда бийликти атадан балага калтыруу адаты сакталып, бирок бийлик башкаруу чөйрөсүндөгү туугандык жагынан башка адамдарга да өтүп турган. Кытай булактарында эскерилген бийлердин генеалогиясын тактаганыбызда бул ой кайсы бир деңгээлде ырасталды. Кушчу уруусунун башкаруучусу Майтык бий Каймазар уулу, жоош уругунан чыккандыгы жөнүндө С.М.Абрамзондун маалыматтары дагы бир ирет такталды. Тарыхый булактарда эскерилген Эшбото анын алты уулунун бири жана Шүкүр чынында иниси болгон (Байгаринов М., 121-б). Ал эми саруу уруусунун башкаруучу бийи Акбай Арзыгул уулу алакчын уругунан чыккан жана эскерилген Боруке Акбай бийдин агасы Тагайкулдун уулу болуп чыкты. (Үмөт молдо., 13-б). Акбай бий менен катар эскерилген Айдарбектин ысымын азырынча тактай албадык. Белгиленген тарыхый инсандар конфедерациянын курамына кирген сол канат тобунун башкаруу бийлигин кармап турушкан. 1758-жылы түндүк кыргыз урууларын башкарган Мааматкул бийдин атынан сарыбагыш уруусунун бийи Черикчи, чекир саяктардан Түлкү бий жана Шербек, о.э. солтолордон Ныша баатыр баш болгон элчилердин тобу Кытай императорунун сарайында кабыл алууда болушкан (Кузнецов B.C., 42-б). Элчилердин барышын, кытай бийликтери аталган кыргыз урууларын, империянын вассалы катары тааный тургандыгын эскертүү менен аларга кытай төбөлүнүн даражалык-чиндик белгилерин ыйгарышкан. Эң негизгиси барган элчилик, Ысык-Көл аймагы жана анын чыгышындагы Каркыра, Кеген, Текес жерлери кыргыздарга гана таандык экендигин бекемдей алгандыгы менен бул миссия өз милдетин аткарган. Сыягы, эки тараптын саясий кызыкчылыктарын аныктаган маселелер, аталган элчиликтин барышы менен чечилген. Элчиликке баргандардын бири Шербек кытай булагында Мааматкул бийдин жакын тууганы деп айтылат. Бирок Шербек Жакшыбай уулу, чекир саяк уруусунун курманкожо уругунан чыккандыгын санжыра боюнча тактай алдык. (Абдырахманов Ы., 18-б.) Ныша баатыр Кудайменде уулу солто уруусунун асылбаш уругунан. Анын кытайга элчиликке барып «өтөгө тыңса» деген көк таш сайынып келгендиги санжырада сакталып калган (Бала Айылчы, 34-б.). Ошентип, XVIII кылымдын 50-жылдарында түндүк Кыргызстандагы түзүлгөн саясий бирикме, урууларды саясий баш коштуруу жана калмак баскынчыларынан бошотулган кыргыз жерлерин коргоп калууга багытталган олуттуу чараларды жүзөгө ашырган. Бирикменин (конфедерациянын) андан ары өнүгүшү, анын курамына кирген уруулардын санжырада орун алган идеологиясы аркылуу бекемделип алардагы жалпы коомдук аң сезимди калыптандырган. Бул, конфедерациянын саясий-идеологиялык негизин бекемдөөнүн бирден-бир мүмкүнчүлүгү болгон. Чарбалык экономикалык маселелерди жөнгө салуу конфедерациянын курамындагы ар бир урууга таандык жер, жайыт чектеринин так аныкталышы менен алардын негизги турмуштук жана ички экономикалык талаптарын камсыз кыла баштаган.
Бирикменин (конфедерациянын) соңку мезгилдеги саясий тарыхын, коңшулаш казак уруулары менен болгон мамиленин өнүгүшүндөгү, окуялардан улам тыңдайбыз. Калмактардан кийин эки элдин жер жана жайыт маселеси боюнча бири-бирине койгон дооматтары күч алып, негизги чырдын башаты ошого такалган. Санжырадагы маалыматтар боюнча, ошол мезгилде казак менен чектешкен кыргыздын жалпы жөнүн Эсенгул баатыр билген (Алымбеков Т., 48-б.). Бул тууралуу 1780-жылы Абылай хандын алдына барган кыргыз элчиси Түлөберди бий, «кыргыздар өз ичинен оң жана сол деп бөлүнөрүн, ар бир уруктун башчылары бар, бирок улуу сөз Эсенгул баатырдан тарап, аны сол атанган эл дагы угаарын» билдирген (Алымбеков Т., 62-б). Ага чейин казак уруулары менен болгон мамилени жөнгө салуу жана кыргыздарга таандык конуштарды казактардын ээлеп алышына жол бербөө маселесин козгогон бийлердин тобу Таластын оозундагы Капкада болжолу 1776–77-жылдары Эсенгул баатырдын жетекчилигинде өткөн. Жыйынга солто уруусунун башы Эсиркемиштин уулу Кебек бий жана Кошойдун уулу Момокон, саяктардын түнкатар уругунан Арзыматтын уулу Садыр, чекир саяктардан Түлкүнүн уулу Качыке, ал эми сол канаттан саруунун бошмоюн уругунан чыккан Туума бий катышкан (Алымбеков Т., 50-61-б). Жыйында кыргыз урууларына таандык конуштарды сактап калуу үчүн Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарын Таластын аягына, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүү керектиги жөнүндө бүтүмгө келишкен. Сөз кылган жыйын, кайсы бир деңгээлде түндүк кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси жашап тургандыгын жана жалпы бийлердин кеңеши, конфедерациянын аймактык чектерин бекемдөөгө умтулган саясатты уланткандыгын билдирет. 1779-жылы Абылай хандын кыргызга жасаган чоң чабуулунун (Сапаралиев Д., 96- б.) соңунда эки элдин жер чегин ажыраткан сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул боюнча, 1780-жылы Абылай хандын алдына барган кыргыз урууларынын башкаруучу бийлеринин тобу, сол канаттан Туума бий жана Мама бий, солтодон Кебек бий жана Түлөберди, сарыбагыштан Эсенгул баатыр, Атаке баатыр, бугудан Бирназар, чекир саяктан Качике баатыр, саяктан Сейит бий жана Келдибек баш болгон Тагай бутагынын аттуу баштуулары кыргызказак жер чегин ажыратышкан (Алымбеков Т., . №364. 75-77.; Алымбеков Т., № 1454.1-2-б.) Бул чек ажыратуу болжолу калмактардан кийин, эки элдин саясий түзүлүшүнүн аймактык негизин аныктаган биринчи келишим болгон. Эсенгул баатыр кыргызды бийлеп турган мезгилде, Кытай менен да жер чеги ажыратылып Музарттын суусундагы Айгыр-Жалды чек кылып бөлгөндүгү жөнүндө Деркембаев Момункулдун кол жазмасында эскерилет. Белгиленген маселелердин жүзөгө ашырылышы менен конфедерациянын тышкы саясатындагы маанилүү маселелер чечилген. Кыргыз урууларынын бул мезгилдеги уюмдашуу түзүлүшү, жогорудагыдай кырдаалдан кийин саясий негиздери бекемделген. Анын ички структуралык түзүлүшү да, уруулардын саясий уюмдашуусунан улам өз келбетин алган. Тактап айтканда, уруулардын саясий уюму, коомдогу экономикалык жакындыктарга караганда туруктуу мүнөзгө өтүп, ар кандай туугандык башталыштардан тарта төмөнкү бутактарга чейин, уруулардын жана уруулук бирикмелердин иерархиялык негиздеги структурасын түптөгөн. Конфедерациядагы структуралык түзүлүштүн негизги мааниси ушул маселеде жаткан жана соңку мезгилдерде, уруу-уруктук иерархия жана коомду генеалогиялык негизде уюштуруу, Р.Г. Кузеев белгилегендей, алардын бир убактагы генетикалык жана саясий мамилелерин чагылдырган идеологиялык надстройкага айланып калган. Ошондуктан, саясий кызыкчылыктар тийиштүү деңгээлде уруунун деңгээлинен көтөрүлүп, уруулардын конфедерациялык мүнөзд өгү мамлекеттик бирикменин түзүлүшүнө коомдук аң-сезим бышып жетилген. Бул процесс кылымдар бою жүрүп сырткы жана ички саясий таасирлерден улам бирде бутуна туруп телчиксе, бирде күүсүнөн жанган. XVIII кылымдын IIчи жарымында түндүк кыргыз урууларынын саясий түзүлүшүнүн кайрадан жогорулоо мезгили башталган.
Кошумча маалыматтар:
- Абдырахманов Ы. Кыргыздар (Кыргыздардын чыгышы урууларга бөлүнүшү). //Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фонду (мындан ары, КЖФ).№ 619.
- Абдыш Мамбетиса уулу. Салттуу элдин санжырасы Кыргыз айылы. №12, 1991.
- Абрамзон СМ. Киргизы и их этногенетические и историкокультурные связи. Л., 1971.
- Айтбаев М. Т. Кыргыз элинин чыгышы жөнүндөгү легендалар. КЖФ. №4095.
- Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы жөнүндө. КЖФ. №364. Д. 2
- Алымбеков Т. Кокон хандыгына чейинки кыргыздын турмушу жөнүндө. КЖФ. № 1454.
- Аристов И.А. Опыт выяснения этнического состава киргизъказаковъ большой орды и каракиргизов. СПб., 1895.
- Асанов Т. Санжыра кыргыздардын орто кылымдагы этносаясий түзүлүшү жөнүндө. // Изучение древнего и средневекового Кыргызстана. Бишкек, 1998, 46-50-б.
- Бала Айылчынын санжырасы. КЖФ. №239.
- Байгаринов М. Кыргыз санжырасы. КЖФ. №564.
- Бернштам А. Источники по истории киргизов в ХVIII веке. //Вопросы истории: № 11-12.1946.
- Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах //Собр. соч. в пяти томах. Алма-Ата, 1985.т.2.
- Деркембаев Момункулдун кол жазмасы.
- Жумабаев С. Кыргыз санжырасы. КЖФ. № 659.
- Кузнецов B.C. Цинская империя на рубежах Центральной Азии (вторая половина XVII-первая половина XIX в.) Новосибирск., 1983.
- Кузеев Р. Г. Происхождение башкирского народа. М., 1974.
- Моисеев В.А. Джунгарское ханство и казахи XVII–ХVIII вв. Алма-Ата, 1991.
- Мокеев А. Этапы этнической истории и социальной организации кыргызского народа на Тянь-Шане в XVI–XVIII вв. // Изв. АН Республики Кыргызстан. №4.1991.
- Мухаммед Али Кыпчаки. Кыргыз тарыхы. Кыргыздын урууларга бөлүнүшү тууралуу. КЖФ.№ 447
- Нуров Г. Материалы по теме Происхождения киргизского народа. КЖФ. №1561в.
- Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII в. Бишкек, 1995.
- Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII начала XIX вв. Фрунзе. 1976. КЖФ. №5179.
- Супатай уулу Амандын айтуусундагы санжыра. Кемин шаарчасы, 1992-жыл. Кытай уруусунан 74 жашта.
- Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – 1-китеп. Бишкек, 1993.
- Пищулина К.А. «Бахр ал-асрар» Махмуда ибн Ваш источник // Казахстан, Средняя и Центральная в XVI–XVIII вв. Алма-Ата, 1983.
- Тойлубай уулу Сатыйдын айтуусундагы санжыра. Талас обл. Кара-Буура р-ну, кытай уруусунан, 1992-ж. 65 жашта.
- Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө. КЖФ. №191.
Т.АСАНОВ, М.ТУРАЛИЕВ
КЫРГЫЗДАР ЖАНА КЫРГЫЗСТАН МЫРЗА МУХАММЕД ХАЙДАРДЫН «ТАРИХ-И РАШИДИ» ЭМГЕГИНДЕ
Орто Азия элдеринин тарыхы боюнча баалуу маалыматтарды камтыган көрүнүктүү тарыхый эстеликтердин катарында Мырза Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгеги маанилүү орунду ээлейт. Бул эмгек тарыхчылар, этнографтар, географтар жана XV–XVI кылымдардагы Орто Азия аймагындагы феодалдык мамлекеттердин коомдук түзүлүшүн, турмушун жана топонимикасын изилдеген башка адистер үчүн да баа жеткис материал болуп саналат. «Тарих-и Рашиди» – бул Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Чыгыш Түркстандын (азыркы КЭРдеги Синьцзян) жана жарым-жартылай Афганистандын, Тибеттин жана Индия элдеринин өткөн тарыхын изилдөөдө кайталангыс негизги булак. Анда кыргыздардын, өзбектердин, казактардын, ойроттордун (калмактардын) жана уйгурлардын тарыхы боюнча, алардын соңку орто кылымдардагы өз ара алакаларын түшүнүүгө жол ачуучу ар түрдүү жана баалуу маалыматтар топтолгон.
Мырза Хайдардын эмгеги чыгышта кеңири тараган. Азыркы учурда дүйнөнүн кол жазмалар сакталуучу көптөгөн жайларында «Тарих-и Рашидинин» көчүрмөлөрү бар, ошентип кийинки чыгыш авторлорунун бардыгы Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Индия жана башка мамлекеттер боюнча тарыхый жана географиялык маалыматтарды «Тарих-и Рашидиден» алышкан. Маселен, Амин б. Ахмад Рази «Хафт иклимдеги» (1593–1594-жылдары жазылган) Чыгыш Түркстан тууралуу маалыматтарды дээрлик толугу менен Мырза Хайдардан өздөштүргөн; Хайдар б. Али Рази «Тарих-и Хайдарда» (1618–1619-жылдары жазылган) Йаркенд (Яркенд) менен Кашкардын чагатайлык башкаруучуларын баяндап жазууда «Тарих-и Рашидинин» материалдарына таянган; Хайдар Малик «Тарих-и Кашмирде», Махмуд б. Вали «Бахр ал-асрар фи манакиб алахйарда» (1640–1641-жылдары жазылган) жана Шах Махмуд Чорас (XVIII кылым) өзүнүн «Хроникасынын» биринчи бөлүгүндө Мырза Хайдардын эмгегин пайдаланган. XVIII–XIX кылымдарда Мырза Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгеги Мухаммад Садык Кашкари жана Мухаммад Нийаз б. Абдалгафур тарабынан уйгур тилине которулган.
Батыш европалык окумуштуулардын ичинен Мухаммед Хайдардын эмгегин алгачкылардан болуп өз изилдөөлөрүнө В. Эрскин тарткан. Ал Мухаммед Хайдардын маалыматтарын XV–XVI кылымдардагы Орто Азия менен Чыгыш Түркстандын тарыхын баяндап жазууда колдонгон, моголдордун тарыхын баяндоодо «Тарих-и Рашидиден» үзүндүлөрдү келтирген жана өзүнүн түшүндүрмөлөрүндө бул китептен шилтемелерди жасаган. Борбор Азиянын, Чыгыш Түркстандын жана моголдордун тарыхы боюнча «Тарих-и Рашидиден» алынган маалыматтар, кийинчерээк Г.М. Эллиоттун эмгектеринде жана Скрайндын китебинде пайдаланылган.
«Тарих-и Рашиди» эмгегинин Е.Д.Росс тарабынан иш жүзүнө ашырылган англис тилиндеги котормосу 1895жылы жарыкка чыккандан кийин, ал батыш европалык ориенталисттердин арасында өтө белгилүү боло баштаган.
Мырза Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгегинин англис тилиндеги басылмасы пайда болгонго чейин эле, ал орус чыгыш таануучулардын көңүлүн өзүнө бурган. Аны негизги жана баалуу булак катары өз эмгегинде алгачкылардан болуп В.В. Вельяминов-Зернов колдонгон. В.В.Вельяминов-Зерновдон кийин аталган эмгектин маалыматтарын А.Н.Куропаткин Кашкар тууралуу өзүнүн тарыхый-географиялык очеркинде жана В.И.Масальский Түркстан крайын баяндоодо колдонушкан.
«Тарих-и Рашиди» В.В.Бартольддун бир катар изилдөө иштери үчүн негизги булак болуп кызмат кылган. В.В.Бартольд Борбордук Азиянын элдеринин, этникалык топторунун, шаарларынын, маданиятынын тарыхына жана саясий тарыхына арналган өзүнүн көптөгөн илимий жарыялоолорунда Мухаммед Хайдардын эмгегине кайрылган. Анын «Жети-Суу тарыхынын очеркиндеги» Моголстанга байланыштуу жазгандары толугу менен Мухаммед Хайдардын эмгегине негизделген.
Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгегинин тарых илими үчүн актуалдуулугу өтө чоң, муну Борбор Азиянын жана ага чектеш өлкөлөрдүн тарыхын изилдеген изилдөөчүлөрдүн Мухаммед Хайдардын эмгегине баймабай кайрылуусу күбөлөндүрүп турат. Маселен, Мухаммед Хайдардын кыргыздар тууралуу маалыматтары «Кыргызстандын тарыхы» (История Киргизии. Фрунзе, 1963.) деп аталган фундаменталдуу эмгекке кирген жана анын «XIV кылымдын экинчи жарымындагы XVI кылымдын башындагы Тянь-Шандагы феодалдык бытырандуулук» деген главасы толугу менен «Тарих-и Рашидиге» негизделген, ошондой эле К.И. Петровдун « К истории движения киргизов на Тянь-Шане и их взаимоотношений с ойротами в XIII–XV веках» жана С.М.Абрамзондун «Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи» деген эмгектеринде да пайдаланылган.
Моголстандын тарыхы боюнча Мухаммед Хайдардын маалыматтары Б.А.Ахмедовдун «Государство кочевых узбеков», О.Ф. Акимушкиндин «К вопросу о внешнеполитических связях Могольского государства с узбеками и казахами в 30-х гг. XVI в. – 60-х гг. XVII в.» жана К.А.Пищулинанын «Юго-Восточный Казакстан в середине XIV начале XVI в.» аттуу эмгектеринде келтирилген.
Мухаммед Хайдардын чыгармасынын баалуу тарыхый булак катары терең баа берип изилдеген окумуштуулардын катарына В.П.Юдинди кошууга болот. Ал моголдордун жана Моголстандын этникалык тарыхынын маселелерин изилдегенде алардын казактар, кыргыздар жана башка элдер менен этникалык байланыштары бар экендиги тууралуу маселеге кеңири токтолгон.
Бул чыгармага кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхчысы Ө.Караев «Чагатайский улус. Государства Хайду. Могулистан» аттуу эмгегин жазууда негизги булактардын бири катары кайрылган. Ал эмгекке таянган Ө.Караев аталган мамлекеттердин өзгөчө, Моголстандын саясий-этникалык тарыхына байланышкан баалуу маалыматтарды терең ачып берген. Окумуштуу Мухаммед Хайдардын кыргыздар тууралуу жазган маалыматтарын кеңири изилдеген жана алардын этногенези жөнүндөгү маселелерин талдап чечмелөөдө баалуу илимий тыянактарды чыгарган.
«Тарих-и Рашидини» Мухаммед Хайдар Кашмирде бир нече жыл бою жазган. Эмгек эки бөлүктөн – «дафтардан» (китептен) турат. Моголстандын чагатай хандарынын жана Туглук Тимурдун мезгилинен тартып Абдаррашид ханга чейинки тарыхы ырааттуу тартип менен баяндалган т.а., биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнөн бир кыйла кеч – 1546-жылы жазылган. 1541–1542-жылдары соңуна чыгарылган экинчи «дафтар» көлөмү жагынан биринчи «дафтардан» дээрлик төрт эсе чоңдук кылат жана автордун мемуардык эскерүүлөрүн элестетет.
Биринчи «дафтардын» кириш бөлүгүндө Мухаммед Хайдар эмне үчүн эмгек «Тарих-и Рашиди» деп аталгандыгынын үч себебин эскертип өтөт: биринчиси – Туглук Тимурду ислам жолуна салган Аршададдин шейхтин урматына; экинчиси – Туглук Тимур өз элин баштап барган туура жолдун (рошд) урматына; үчүнчүсү – могол ханы Абдаррашиддин урматына арнаган.
Ошентип, негизинен XIV кылымдан XVI кылымга чейинки Моголстандын жана Чагатай улусунун чыгыш бөлүгүнүн тарыхын баяндоо менен Мухаммед Хайдар анда жашаган элдердин чарбалык жана саясий турмушу тууралуу баалуу маалыматтардын жыйындысын келтирет, бул аймактагы көчмөн жана жарым көчмөн элдердин – моголдордун, кыргыздардын, өзбектердин, казактардын, ойроттордун (калмактардын) жана башка элдердин тарыхын баяндайт. XIV–XVI кылымдарда Моголстан аймактык жактан – Сыр-Дарыя, Сары-Суу, Балхаш, Иртыш жана Борбордук Тянь-Шандын түштүк тарабы менен чектелген, башкача айтканда азыркы Кыргызстандын жана ТүштүкЧыгыш Казакстандын аймагын камтыган.
Мухаммед Хайдар тууралуу биографиялык маалыматтар негизинен өзүнүн эмгеги «Тарих-и Рашидиде» берилет.
Автор Мухаммед Мырза Хайдар бен Мухаммед Хусайн-курэкан дуглат Айаз (тахаллус) деген адабий псевдонимге ээ болгон. Көпчүлүк учурда аны замандаштары Мырза Хайдар же Хайдар-мырза деп аташкан. Мухаммед Хайдардын ата-бабалары Кашкардын мураскор кожоюндары жана башкаруучулары болгон моголдордун дуглат уруусунан чыккан. Дуглаттардын мураска берилген жер ээликтери Чагатайдын доорунан, башкача айтканда XIII кылымдын экинчи жарымынан тартып Мангалай Субеде – Ташкент, Чалыш, Ысык-Көл жана «Сары уйгурлардын» өлкөсүнүн аймагында болгон деп жазат Мухаммед Хайдар. Дуглаттардын жер ээликтеринин кеңдигин XIV кылымдын аягы XV кылымдын башындагы уруу башчысы, эмир Худайдаддын кол алдында жыйырма төрт миңден кем эмес үй-бүлөнүн болгондугунан да байкоого болот. XV кылымда бул урууну жетектеген Сейид-Али Дуглат өз байлыгын үч уулу жана эки кызына бөлүп берген, бирок ошондой болсо да уулдарынын биринин энчисине жүз алтымыш миң кой тийген.
XV–XVI кылымдардын башында могол хандарынын тушунда дуглаттар жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Шараф ад-Дин Али Йезди XIV–XV кылымдардын чегинде армиянын башчысы жана ошол эле учурда Самарканддын башкаруучусу Дауд Дуглатты, Мухаммед Хайдардын чоң атасы Ошту башкарганын эскерет. Мухаммед Хусейн Ташкенттин губернатору болсо, Мухаммед Хайдар Султан Саид хандын бир катар жортуулдарын жетектеген. Дуглат уруусунан чыккан айрым жетекчилер көз карандысыз княздыктарды түзүшүп, өз хандары менен атаандашкан. Маселен, XIV кылымдын аягында Камар ад-дин Дуглат, XV кылымдын ортосунда Сеид-Али Дуглат, XVI кылымдын ортосунда «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар атаандашкан. Дуглаттар хандын үй-бүлөсү менен туугандык байланышта «гураган» болушкан, Мухаммед Хайдар, анын атасы жана чоң атасы бул ардактуу титулду алып жүрүшкөн.
Мухаммед Хайдар могол коомунун жогорку катмарынын өкүлү эле. Анын санжырасы төмөнкүдөй: Бабдаган?…? Урту-бу?…? Пуладчи (Буладжи)? Худайдад? Саййид Ахмад? Саййид Али? Мухаммед Хайдар-мырза?
Мухаммед Хусайн? Мырза Мухаммед Хайдар. Мухаммед Хайдардын бул ата-бабаларынын ичинен айрымдары Моголстандын жана Чыгыш Түркстандын тарыхында чоң роль ойногон: Мухаммед Хайдардын ырастоосу боюнча Уртубуга Кашкар (Манглай-Субе) моңгол хандары тарабынан тартууга берилген; Пуладчи Моголстандын тактысына Туглук Тимур ханды отургузган; Худайдад могол улусундагы улусбеги болгон, тактыга алты могол ханын отургузган (Хизр-кожо, Шами Жехан, Накши Жехан, Мухаммед, Шир Мухаммед, Вейс); Вайс хандын (1428-жылы өлтүрүлгөн) атагы чыккан аскер башы эмир Саййид Али наместник Улугбекти Кашкардан кууп, Кашгариянын бир кыйла бөлүгүн узак убакыт бою башкарган.
Мырза Хайдардын чоң атасы Мухаммед Хайдар Мырза Кашкарды башкарган, тилекке каршы 1480-жылы өзүнүн жээни Абу-Бакр тарабынан Кашкардан куулган. Ал Султан Йунус жолдошу болгондуктан, анда узак убакытка баш калкалап турган. Анын уулу, Мырза Хайдардын атасы Мухаммед Хусейн бала чагынан Султан Махмуд хан менен достук мамиледе болгон жана эки жылга жакын Захираддин Мухаммед Бабурдун атасы, Тимур тукуму Омар-Шайхтын сарайында жүргөн. Мухаммед Хусейн
1493–1494-жылдары Султан Йунус хандын кичүү кызы, Султан Махмуддун карындашы Хуб Нигар-Ханимга үйлөнөт. «Гураган» – хандын күйөө баласы деген титулга ээ болуп, жер энчиге 1495-жылы Ура-Төбөнү алган. Мухаммед Хусейн Ташкентте бир нече жыл жашап, 1499– 1500-жылдары уулдуу болот. Аны чоң атасынын урматына Мухаммед Хайдар деп аташкан. Мухаммед Хайдар төрөлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин энеси Хуб Нигар-Ханим дүйнө салган. Мухаммед Хайдар Захираддин Бабурдун бөлөсү болгон, анткени Хуб-Нигар Ханим Бабурдун энеси Кутлук-Нигар Ханимдин бир тууган сиңдиси эле.
1503-жылы Султан Махмуддун өзбек ханы Шейбани хандын (1500–1510) аскерлери менен болгон ийгиликсиз салгылашууларынан кийин Мухаммед Хусейн Ура-Төбөнү таштап, Каратегинге Хусраушахка качууга аргасыз болгон. 1506–1507-жылдары Кабулда Бабурга каршы уюштурулган кутумга катышкан. Алар тууган болушкандыктан Бабур, Мухаммед Хусейнди кечирген. Мындан кийин ал Кабулдан Ферганага кетүүгө мажбур болгон. Ферганада өзбектердин колуна туткунга түшүп, Шейбани хандын буйругу менен 1508–1509-жылдары өлтүрүлгөн.
Мухаммед Хусейнди өлтүргөндөн кийин Шейбани хан анын уулу Хайдарды да өлтүрүүгө ниеттенген. Бирок, атасынын эски досу, ошол мезгилдеги Орто Азияга белгилүү шейх Мухаммед-Кази Хайдарды сактап калат. Атасынын ишенимдүү адамдарынын бири Маулан Мухаммад менен Бухарадан Бадахшанга качып келген. 1509-жылы Мухаммед Хайдар Бадахшандан Кабулга Бабурга келет, Бабур аны өз атасындай жылуу мээрим менен тосуп алган. Мухаммед Хайдар Мавераннахрга жасаган жортуулда
Бабурду коштоп жүргөн, 1511-жылы Бабурдун Самарканддын тактысына отуруу жөрөлгөсүнө катышкан. Бирок, бир жыл өткөндөн кийин Бабур өзбектердин кысымы астында Самарканддан качууга аргасыз болгон учурда, он үч жашар Мухаммед Хайдар 1512-жылдын сентябрь-октябрь айларында аны таштап, Анжиянда Султан Саид ханга кошулуп кеткен. Ошол мезгилден тартып, Султан Саид хан өлгөнгө чейин (1533-жылы өлгөн) аны менен бирге болот. Бул мезгилде Султан Саид хан Ферганада өз абалын чыңдап, Кашкардагы тактыны басып алуу үчүн жортуулга даярданып жаткан. Ошентип, Мухаммед Хайдар өз ата-бабаларынын мекени болгон Кашкарга Султан Саид хан менен бирге жортуулга аттанат. Жортуул Абу Бакр дуглаттын талкаланышы, Кашкарияда кийин Могулия деген атты алган жаңы мамлекеттин жана династиянын негизделиши менен аяктаган. 1514-жылы июнда Султан Саид хан салтанаттуу түрдө могол ханы деп жарыяланат.
Султан Саид хандын бийлигинин тушунда Мухаммед Хайдар Могол мамлекетиндеги көрүнүктүү мамлекеттик жана аскердик кызматтарды ээлеген. Бул тууралуу: «Султан Саид мага мамлекеттин жана армиянын бардык ишин ишенип тапшырган, бардык жагынан мага чектелбеген бийлик берген», – деп жазат Мухаммед Хайдар. Ошондой эле Хайдарга Султан Саид хандын уулу жана мураскору Абдаррашидди тарбиялоо иши тапшырылган.
1517-жылы Саид хан Мухаммед Хайдарды Моголстандын мурунку борбору Аксуга жөнөтөт. Автордун сөзү боюнча, ал алты айдын ичинде Аксунун бардык аскер жана чарба иштерин тартипке келтирген. Мухаммед Хайдар хандык бийликти бекемдөө үчүн түштүктөгү түрк урууларына каршы экспедицияны жетектеген. Султан Саид хандын мезгилинде Мухаммед Хайдар Бадахшанга, Кафиристанга, Лодакка, Тибетке жасаган согуштук экспедицияларга жетекчилик кылган. Маселен, 1527–1528-жылдары Болорго, 1529–1530-жылдары Бадахшанга, 1531-жылы Тибетке, кийинчерээк Кашмирге жасаган экспедицияларды жетектеген.
1533-жылы Султан Саид хан өлгөндөн кийин тактыга анын уулу Абдаррашид отурган. Абдаррашид дуглаттардын үй-бүлөсүнө кастык мамиле жасап, аларды жазалоого өткөн. Ушуга байланыштуу Мухаммед Хайдардын таякеси, дуглат уруусунан чыккандардын ичинен улуусу, аксакалы болгон Саййид Мухаммад-мирза өлүм жазасына тартылган. Абдаррашиддин жүргүзгөн мындай саясатынан улам Мухаммед Хайдар өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. Алгач ал Бадахшанда жер кезип жүрүп, 1537-жылы Лахорго Бабурдун уулу Камран мырзага барган. Камран мырза ага Пенджабды башкарууга берген. 1539–1540-жылдары Аграда Бабурдун экинчи уулу Хумаюнга кошулган. 1541-жылы Кашмирдеги афгандарды талкалоо үчүн Хумаюндан чакан отряд алып, Кашмирди басып алган. Мухаммед Хайдар Кашмирди Бабурдун балдарынын атынан башкарганы менен иш жүзүндө көз карандысыз башкаруучу болгон. Мухаммед Хайдар тоодо жашаган уруулар менен болгон салгылашуулардын биринде өз жаачысы аткан октон 1551-жылы курман болот.
Мухаммед Хайдар өз доорунун билимдүү жана өнөрлүү адамдарынан болгон. Ал каллиграфиянын, көркөм окуунун, ыр түзүүнүн, эпистолярдык стилдин, сүрөт тартуунун, ошондой эле зергерчиликтин, ар түрдүү куралдарды жасоонун, жаа тартуунун, мүнүшкөрлүктүн жана башкалардын чебери болгон. Адабият, жалпы тарых менен таанышуу, дуглаттардын санжырасын изилдөө, Кашмирдеги аргасыз турмуш, өз элинен алыста жүрүшү, тагдырдын туруксуздугу, анын оомалуулугу ушунун бардыгы Мухаммед Хайдарды могол тарыхынын үстүнөн ой жүгүртүүгө түрткөн. Турмуштун мындай талабы, шарты Мухаммед Хайдардын чыгармачылык шыгынын ойгонушуна түрткү болуп, колуна калем кармап, «Тарих-и Рашиди» эмгегин жаратуусуна өбөлгө түзгөн.
«Тарих-и Рашиди» – «Рашиддин тарыхы» Мирза Мухаммед-Хайдер тарабынан XVI кылымдын ортосунда перс тилинде жазылган. Бул эмгек түрк элдеринин тарыхын изилдөөдө эң эле баалуу булак болуп саналат. «Тарих-и Рашиди» бир катар башка булактардын ичинен төмөндөгү шарттарга байланыштуу өзгөчө орунга ээ.
Биринчиден, XV–XVI кылымдарда негизинен Чыгыш Түркстандын бир бөлүгүн ээлеген Моголстандын тарыхына атайын арналып жазылган эмгектердин ичинен ушул мезгилге чейин келип жеткен жалгыз эмгек.
Экинчиден, «Тарих-и Рашидиде» азыркы өз аймактарында жашап жаткан кыргыздар тууралуу кеңири маалыматтарды камтыган эң эле эрте эскерүүлөр баяндалган.
Үчүнчүдөн, орто кылымдарда жазылган эмгектердин ичинен Орто Азиянын түрк элдери тууралуу маалыматтардын толуктугу жана көлөмү жагынан бир да эмгек «Тарих-и Рашидиге» теңдеш боло албайт.
Мухаммед Хайдардын эмгеги Чыгышта кеңири тараган. Бул «Рашиддин тарыхы» Орто Азиянын, Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Азиянын тоомунда жайгашкан өлкөнүн – Моголстандын тарыхына арналгандыгы менен түшүндүрүлөт. Чыгыш авторлору, эреже катарында, Чыгыш Азияда да, Орто Азияда да пайда болгон мамлекеттердин чет жакаларында болуп өткөн окуяларга токтолушкан эмес. Анын үстүнө, Мухаммед Хайдар өз эмгегин арнап жазган доор окуяларга өтө бай болсо дагы, түрк-моңгол элдеринин тарыхында эң эле аз жазылган доорлордун бири бойдон кала берген. Түрк-моңгол ак сөөктө рүнө таандык болгон автордун эмгекти перс тилинде Индияда жазышы, анын бир эле учурда Индияда, Орто Азияда жана Иранда белгилүү болушуна шарт түзгөн. Аталган эмгек эски уйгур тилине которулган Орто Азиядагы түрк элдеринин арасында гана эмес, ошондой эле бир нече жолу көчүрүлүп жазылган Индияда да, Иранда да кеңири популярдуулукка ээ болгон. Мухаммед Хайдардан кийин жазышкан жана «Тарих-и Рашидиге» жакын темаларга, мейли география же тарых жаатында болобу, кайрылган чыгыш авторлору, кадыр-барктуу булак катары Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгегин пайдаланышкан. «Тарих-и Рашидиге» жасалган шилтемелер көптөгөн өлкөлөрдүн тарыхый-географиялык эмгектеринде кездешет. Маселен, Индиядагы «Гульшан-и Ибрахими», Орто Азиядагы «Бахр-ал асрар», Ирандагы «Хафт иклим» эмгектеринен «Тарих-и Рашидиге» жасалган шилтемелерди кездештирүүгө болот. «Тарих-и Рашиди» бизге көптөгөн көчүрмөлөр түрүндө жеткен. Алар кол жазмалар сакталуучу ири жайлардан орун алган.
«Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Чыңгыз хандын мезгилинен тартып эле көрүнүктүү роль ойногон дуглаттардын байыркы ак сөөк уруусунан чыккан. Дуглаттардын тарыхы жана Мухаммед Хайдардын биографиясы анын эмгеги «Тарих-и Рашидиден» маалым.
XIV кылымда жана XVI кылымдагы могол хандарынын тушунда дуглаттар жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. «Могол улусунун хакандарынын жана султандарынын саркарлары биздин уруудан чыккан», – деп жазат Мухаммед Хайдар. Йездиде XIV–XV кылымдардын чегинде армиянын командачысы жана ошол эле учурда Самарканддын башкаруучусу болгон Дауд Дуглат эмир жана Мухамед Хайдардын чоң атасы Ошту башкаргандыгы эскерилет. Мухаммед Хусейн дуглат Ташкенттин губернатору болгон, Мухаммед Хайдар өзү Саид хандын бир катар согуштук жортуулдарын жетектеген.
Дуглат уруусунун өкүлдөрү ошончолук күчтүү болгондуктан өз ыктыяры менен хандарды кызматтан алышкан. Маселен, эмир Худайдад Дуглат могол тактысына алты ханды отургузган. Дуглаттардын айрымдары көз карандысыз княздыктарды түзүшүп, хандардын өздөрү менен атаандаша алышкан. Мындай дуглаттарга XIV кылымдын аягындагы Камар ад-дин Дуглатты, XV кылымдын ортосундагы Сейид-Али Дуглатты, ал эми XVI кылымдын ортосунда «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдарды кошууга болот.
«Тарих-Рашидиде» бир нече ирет баса белгиленгендей Мухаммед Хайдардын атасы Мухаммед Хусейн Дуглат бала кезинен могол ханы Махмудка жакын болгон. Мухаммед Хусейн өзбектердин башчысы Мухаммед Шейбани хандын буйругу менен өлтүрүлгөн, Мырза Хайдар качууга аргасыз болуп, ага Орто Азиядагы суфий орденинин пири, жан дүйнө насаатчысы Мухаммад Кази жардам берген. Акыры ал Кабулга жетип, Бабурдукунда баш паанек табат да, анын сарайында бир нече убакыт өткөрүүгө туура келет.
Бабурдан Султан Саид ханга өтүп, Кашгарияда анын көзү өткөнгө чейин ага кызмат кылат. Мухаммед Хайдар аскердик жана хан сарайындагы ири кызматтарды ээлеген, ошону менен бирге Султан Саид хандын уулу, тактынын мураскору Абдар-Рашид-султандын же Рашидсултандын аталык-тарбиячысы да болгон.
Мухаммед Хайдар 1533-жылы Султан Саид хандын Тибетке жасаган жортуулуна катышкан жана бул жортуулда Султан Саид хан курман болгон. Атасынын өлүмү тууралуу кабар алгандан кийин Абд ар-Рашид дуглаттарды, баарынан мурда Мырза Хайдардын туугандарын чечкиндүү түрдө репрессиялоого алган. Мухаммед Хайдардын таякеси, Кашкариядагы дуглаттардын жетекчиси Сайид Мухаммад-мирза жана башкалар өлтүрүлгөн. Султан Саид хандын Кашкарияны дуглаттардан, Мухаммед Хайдардын тууганы Абу Бакр-мырзадан тартып алгандыгы жөнүндөгү кабар али сууй элек эле, Султан Саид хандын Кашкарияны өз тууганынан чагатаиддерге согушуп алып берүүсүнө Саид жана башка дуглаттар жардам көрсөткөнү менен, Абд ар-Рашид Кашкариянын жарым кылым мурда Мухаммед Хайдардын чоң атасына таандык болгондугун эсинен чыгарган эмес. Абд ар-Рашид дуглаттардын кутумунан кооптонгон, демек, Мухаммед Хайдардын таякесин өлтүрүү шарттары мындай кутумдун болгондугун, бирок анын иш жүзүнө ашпай калганын билдирип турат.
Мухаммед Хайдардын Яркендке кайтып баруусу мүмкүн эмес эле. Ал Бадахшанда жана коңшу өлкөлөрдө узак убакытка чейин жер кезип жүрүп, кийин Индиядагы Улуу Моголго – Камран-мырзага барган. Кийинчерээк ал Улуу Моголдор үчүн Кашмирди басып алган жана аны Улуу Моголдордун атынан башкарган. Тоодо жашаган уруулар менен болгон кагылышуулардын биринде Мухаммед Хайдар өз жаачысы аткан жебеден кокусунан каза тапкан. Бул окуя 1551-жылга туура келет. Булактарда Мухаммед Хайдардын өлүмү сокур кокустуктун натыйжасы болгон го деген ойлор айтылат. Кеп Мухаммед Хайдар Кашмирдин дээрлик көз карандысыз башкаруучусу болгондугунда. Улуу Моголдор, Мухаммед Хайдар алардын мамлекетинен бөлүнүп, Кашмирде өзүнүн көз карандысыз ээлигин негиздейт деп кооптонушкан. Ошондуктан аны жок кылуу аракети көрүлсө керек. Доордун жөрөлгөлөрү жана конкреттүү кырдаал бул версиянын негиздүү экенин күбөлөндүрүп турат.
Бирок, Мухаммед Хайдар аскер адамы же саясий ишмер эмес, ал эң зор эмгек – «Тарих-и Рашидинин» автору катары даңкталды. Мухаммед Хайдар мыкты жазуучу жана акын. Мухаммед Хайдар тууралуу Бабур: «Хуб Нигар ханымдын уулу Хайдар мырза болгон. Атасы өзбектер тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин ал мага келип, меникинде үч-төрт жылдай жашап турду. Кийин ал менден уруксат сурап, Кашкарга Ханга кетти. Бардык нерсе өз башатына кайтат тура – Таза алтын да, күмүш да, коргошун да.
Эми ал токтолуп, жакшы жолго түшүптүр дешет. Жазуучулукка, сүрөт тартууга, жебелерди, жебелердин учтарын жана жаанын тогоолорун жасоого – бардыгына анын колу эптүү болчу. Ыр жазууга да анын таланты бар. Андан мага кат келген: «Сөздөрү дурус», – деп жазган.
Ушул өңүттөн, Бабурдун сөздөрүнө караганда, Мирза Хайдар Орто Азиядагы Тимур урпактарынын арасындагы ак сөөк феодалдардын тукумдары үчүн гана эмес, дегеле мусулман Чыгышы үчүн классикалык деп эсептелген билимге ээ болгон. Бул маданий чөйрөгө, Мухаммед Хайдардын мисалынан көрүнүп тургандай, могол урууларынын ак сөөктөрү да тартылган.
«Тарих-и Рашидини» жазууда булак катары түрк, перс жана араб тилдеринде жазылган эмгектер колдонулган. Мындай эмгектердин тизмеси автордун жогорку эрудициясын көрсөтүп турат. Экинчи, бирок өтө маанилүү, балким, автор үчүн олуттуураак булак болуп моголдордун арасында жашап келген оозеки тарыхый легендалар, уламыштар жана аңгемелер кызмат кылган. Мирза Хайдар уламыштарды мыкты билген моголдорду аралап, дайыма маалымат чогулткандыгын өз эмгегинде бир нече ирет белгилейт. Ага маалымат берген адамдардын арасында жаш курагы жүздөн ашкан адамдар да болгон.
«Тарих-и Рашиди» эки бөлүктөн туруп, алардын экинчиси биринчи бөлүгүнөн кыйла мурдараак жазылган. Эмгектин биринчи бөлүгүндө камтылган акыркы дата 1546-жылдын 3-марты, ал эми экинчи бөлүгүндө 1541–1542-жылдар. Эмгектин биринчи бөлүгү негизинен Туклук-Тимур хандан тартып Моголстан хандарынын, моголдордун, Моголстандын, өзгөчө Кашкардын жана андагы Мырза Хайдардын ата бабаларынын-дуглат уруусунун эмирлеринин башкаруусунун, ошондой эле автордун жеке өзүнүн тарыхын камтыйт. Экинчи бөлүгү негизинен автордун өзү тууралуу жазган мемуарлары болуп эсептелет. Биринчи жана экинчи бөлүктөр кандайдыр бир деңгээлде бири-бири менен жакындашып, окшошуп кетет. Ошондуктан, «Тарих-и Рашиди» – бул Мирза Хайдардын өз уруусу – дуглаттардын тарыхы деп айтууга да болот.
«Тарих-и Рашидинин» историографиялык маанисин мүнөздөө үчүн, эгерде «Тарих-и Рашиди» жазылбаган болсо, анда биз XIV жана XVI кылымдын биринчи жарымындагы Чыгыш Түркстандын жана Моголстандын тарыхы жөнүндө эч нерсе билбес элек деп айтуунун өзү эле жетиштүү болор эле. Бирок, «Тарих-и Рашидинин» мааниси анда камтылган маалыматтардын суммасы менен чектелбейт.
«Тарих-и Рашидини» толук деңгээлде көркөм адабияттын эң бир сонун эстелиги деген негиз бар. Биринчиден, жогоруда айтылып өткөндөй, бул эмгектин экинчи бөлүгү мемуардык мүнөздө жазылган. Мунун өзү эмгекти көркөм адабият менен жакындатып, анын жанрдык тегин өзгөртөт. Экинчиден, Мирза Хайдар салттуу түрдө колдонгон сүрөттөөчү көркөм каражаттардын жыйындысы, анын стили – мунун бардыгы тарыхый эмгекке да, көркөм адабиятка да мүнөздүү эле. Акырында, анын эмгегиндеги окуяларды берүү методунун өзү, баяндоо манерасы зор драмалык мүнөзгө, ушунчалык жогорку эмоционалдыкэкспрессивдик мүнөзгө ээ болгондуктан, окурман Мырза Хайдардын эмгегин тарыхый эмгек катары кабыл алууну унутуп, аны окуудан мыкты көркөм чыгармадан зор эргүү алгандай эле эргүүнү алат. «Тарих-и Рашидини» окуу өткөн кылымдарда гана эмес, ошондой эле бүгүнкү күндө да зор таасир калтырат. Мунун бардыгы бизди да «Тарих-и Рашидини» тарыхый булак, историографиянын эстелиги катары гана эмес, ошондой эле көркөм адабияттын мыкты чыгармасы катары да карап чыгууга милдеттендирет.
Ушул өңүттөн алганда Захир ад-Дин Мухаммед Бабурдун «Бабур-намэси» менен Мырза Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгектеринин ортосунда окшоштуктар болушу мүмкүн.
Жакынкы мезгилге чейин бизде «Тарих-и Рашиди» Мирза Мухаммед Хайдардын бизге жеткен жалгыз эмгеги деген ой үстөмдүк кылып келген. Бирок, Мирза Хайдар перс тилинде гана эмес, ошондой эле түрк тилинде да жазууга тийиш болгон деген божомолдоолор болгон, мындай эмгектер ал тарабынан жазылган болсо, анда алар жоголуп кеткен. Ошондой болсо дагы 1937-жылы эле Мирза Хайдардын «Джахан намэ» деген ыр поэмасы жөнүндө чакан макала жарык көргөн, «Джахан-намэнин» кол жазмасы Берлиндеги шаардык китепканада сакталган, эми болсо ФРГнын шаарларынын биринде депозитке өткөрүлгөн.
«Джахан-намэ» поэмасы түрк тилинде жазылган. Анын сюжети-жомок маанисинде берилет. Поэманын алдында Бадахшанда жер кезип жүргөндүгүн жана өз өмүрүнүн андан кийинки окуялары тууралуу баяндаган автордун прозаикалык кеңири кириш сөзү берилген. Автор өз ысымын атабаганы менен, ал ысымдын ээси Мырза Мухаммед Хайдар дуглат гана боло ала тургандыгы баяндоолордон улам айкын болуп турат. Демек, поэма 1533-жылдан кийин жазылган. Жазылган жери Кашмир. Поэманын текстинен Мырза Хайдардын «тахаллус Айазы» (адабий псевдоним) болгондугу айкындалган. Анын тахаллус наамы мындан кийинки анын поэтикалык башка эмгектерин айкындоого жардам берип калышы да мүмкүн.
Мырза Хайдардын түрк тилин билгендигин жана аны колдонгондугун биз анын өз эмгеги «Тарих-и Рашидиден» билебиз. Анда автор могулдардын тили түрк тилинен бир аз сөздөрдү жана сөз тутумдарын келтирет. Ал өзүнүн тарыхый эмгегинин текстинде могулдардын түрк тилинде жазылган макалдарын пайдаланган. Бул эмгекте анын өзүнүн айтымдары да, жадагалса түрк тилинде жазылган ырлары да бар.
Ошентип Мырза Мухаммед Хайдардын бир эмес, эки эмгеги бизге жеткендигин ишенимдүү белгилөөгө болот.
Бул Мырза Мухаммед Хайдардын адабий ишмердүүлүгүнүн мурдагыга караганда алда канча жогору болгон деп божомолдоого мажбур кылат. Жетиштүү түрдө изилдене элек кол жазмалар сакталуучу жайлардан, маселен, Индиядагы жана Афганистандагы кол жазмалар сакталуучу жайлардан Мырза Мухаммед Хайдардын башка эмгектеринин кол жазмалары табылып калышы ыктымал.
Мырза Хайдардын маалыматтары толугу менен объективдүү болуп саналат. Буга Мырза Хайдардын өз ата бабаларынын – Кашкариянын башкаруучуларынын, баарыдан мурда чоң атасы Мухаммед Хайдар-мырза дуглаттын иштерин талдоо менен маанилүү критицизмди көрс өткөндүгү өзгөчө ишендирет. Мырза Хайдардын маалыматтарын кылдаттык менен талдап чыгуу анын бүткүл эмгегине ачык көрсөтүлгөн, ырааттуулук менен өткөрүлгөн жана өтө даана байкалган саясий тенденция таандык экенин көрсөтөт. Мырза Хайдардын тенденциялуулугу анын Моголстандык – Чыгыш Түркстандык аристократиянын жогорку катмарына, могулдардын уруулук ак сөөктөрүнө таандык болушу менен, тимурлар жана чагатайлардын хандык муунуна жакындыгы менен, дүйнөгө болгон көз караштардын, идеологиянын, саясий көз караштын жана моралдын билдирүүчүсү, көрсөтүүчүсү болгондугу менен түшүндүрүлөт. Анын тарыхый концепциясында могулдардын дуглат уруусуна, андан кала берсе Эмир Пуладчынын чөбөрөсү, Эмир Худайдаддын небереси, Эмир Саййид Алинин тукумдарынын катарына таандык экендиги, өзүнүн Эмир Саййид Алинин укум-тукумдарынын арасында өзгөчө орду бар экендиги чагылдырылган. Мырза Хайдардын тарыхый жана саясий өзгөчөлүгү, анын аргументтеринин жана ассоциациясынын бүткүл системасы өзүнүн жеке тагдырынын издерине, таасирине негизделген.
Чындыгында, Эмир Саййид Алинин мезгилинен тартып автордун чоң атасы Мухаммед Хайдар-мырзанын Кашкардагы башкаруусунун соңуна чейин дуглаттардын бийлиги астында турган Кашкариянын тарыхын баяндоо – бул эки адамдын аракеттерин салыштырууга багытталган. Чоң атасынын атасы Эмир Саййид Али – идеалдуу башкаруучу, ал эми чоң атасы Мухаммед Хайдар-мырза-илгертен келе жаткан салттардын бузуучусу. Сансызмырза тууралуу айта турган болсок, ал жөнүндө «Тарих-и Рашидиде» жетишерлик күңүрт жана үстүрт түшүнүк берилген. Анткени, Мырза Хайдарды өз дооруна, аны көрө билүүгө жана түшүнүүгө карата болгон жеке мамилесин көрсөтүүнүн каражаты катары чоң атасынын жана анын атасынын тагдырын жана өмүр жолун кеңири баяндап берүү кызыктырган. Автордун баяндоо борборуна антитезамамлекеттик түзүлүштүн эки түрдүү принциби кою лган.
Мухаммед Хайдардын чыгармасы XVI кылымдагы мусулман тарыхый адабиятындагы абдан маанилүү эстелик жана Чыгыш Түркстандын тарыхы боюнча абдан баалуу даректердин бири катары орус ориенталисттерине эчак эле белгилүү. Чыгыш Түркстандын калкы, кыязы, адабият жазууда эч качан өзгөчөлөнө албаса керек, бул өлкөнүн тарыхы тууралуу биздеги маалыматтарды негизинен кытай адабияттарынан жана мусулман тарыхчыларынын Мавераннахрда жана Персияда жазылган эмгектеринен алабыз. «Тарих-и Рашидиде» бактылуу өзгөчөлүктөн улам, жергиликтүү бийлик ээлеринин урпагы жана моңгол хандарынын жан-жөкөрү, өлкөнүн өзүндө туулган автордун эмгегине ээбиз. Өзүнүн эки ата өткөн тууганы Бабур сыяктуу эле, Мухаммед Хайдар да Орто Азияда моңголдор негиздеген мамлекеттин акыркы өкүлдөрү жаңы баскынчылардын, өзбектер менен калмактардын чабуулдарына каршы күрөш жүргүзгөн доордун окуяларынын күбөсү гана болбостон, катышуучусу да болгон. Мухаммед Хайдар Бабур сыяктуу болгон окуяларды кургак баяндоо менен чектелбейт, ага катышкан адамдардын мүнөздөмөсүнө кеңири токтолот, географиялык жана этнографиялык жактан абдан баалуу көптөгөн маалыматтарды берет.
XIV кылымдын ортосунда Чагатай мамлекетинин территориясы эки аймакка-батыш жана чыгыш бөлүктөргө бөлүнгөн. Батыш бөлүгүндө-Мавераннахрда-хандар жалган түрдө коюлган адамдар болгондугуна карабастан, андагы бийлик тынымсыз токтолбогон ич ара чыр-чатактардын натыйжасында түрк эмирлери тарабынан басылып алынган. Чыгыш бөлүгү Моголстанда – бул мезгилде эмирлердин чөйрөсүндө бийлик үчүн күрөш жүрүп жаткан. Эмирлердин ичинен эң күчтүүсү Пуладчы Дуглат болгон, ал 1348-жылы Ак-Сууга Туглук Тимурду алып келип, аны Чагатайдын тукуму деп жарыялаган жана баарысын аны хандын тукуму деп таанууга мажбур лаган. Туглук Тимурдун өлүмүнөн кийин анын мурасына
Илияс кожо хан ээ болгон, бирок өлкөдөгү бийлик Туглук Тимурдун он сегиз баласын өлтүрүп, өзүн хан деп жарыялаган Камар-ад-дин Дуглат тарабынан басылып алынган. Камар-ад-динге каршы башка уруулардын эмирлери каршылык көрсөтүшкөн. Мухаммед Хайдардын «Зафар-намэден» алган мындай үзүндүлөрү Тимурдун Моголстанга жасаган жортуулдарын кеңири баяндайт. Тимурдун аскерлеринин соккусуна азыркы Кыргызстандын аймагы да туш болгон. Йездинин текстине таянып, аны өз ата бабалары тууралуу өзүнүн уккандары менен толуктоо аркылуу Мухаммед Хайдар бул бөлүмдө Моголстандагы окуяларды окурманга баяндап берет. Ал окуялар аркылуу биз Туглук Тимурдун тушунда Моголстандагы борбордук бийликтин туруктуулугу, анын өлүмүнөн кийин болуп өткөн ич ара чыр-чатактар, дуглаттардын үйүнүн, ошондой эле башка ири феодалдардын мамлекеттин иштерине тийгизген таасири жөнүндө, хандардын ири феодалдар менен, маселен, улусбеги кызматына Камар-ад-динди эмес, а жети жашар Худайдад Дуглатты дайындоо тууралуу түшүнүк алабыз. Бул бөлүмдүн Моголстан мамлекетинин тарыхы боюнча маалыматтары жакыр, ошондой болсо да жалпы жонунан ишенимдүү жана башка булактардын маалыматтары менен бышыкталат.
Йездиден келтирген үзүндүлөрдү Тимурдун Моголстанга жасаган бешинчи жортуулу менен соңуна чыгарып, Мухаммед Хайдар андан аркы баяндоосунда үй-бүлөлүк салт-санааларга гана таянат жана бул даана байкалат. Эмгектин XIV кылымдын аягы XV кылымдын биринчи жарымындагы окуялар жөнүндө айтылган бөлүгүндө, Мухаммед Хайдар же таптакыр даталарды көрсөтпөйт, же эмгектерге мезгил жагынан туура келбеген даталарды атайт. Бирок, ошондой болсо да «Тарих-и Рашидинин» бул бөлүгү «Тимурдун доору» деп аталган булактар менен салыштырган учурда, тимурилерге арналган булактардын Моголстандагы окуяларга дээрлик тиешеси жок болгондуктан, Кыргызстандын тарыхын изилдөө үчүн өтө баалуу экендиги сезилет.
Биз «Тарих-и Рашидиден» Хизр кожонун тактыга отурушу менен хандык бийликти чыңдоонун жаңы доору башталгандыгын билебиз. Мухаммед Хайдардын маалыматына ылайык Хизр кожо хандыкка Худайдад Дуглат тарабынан көтөрүлгөн жана 1420-жылга чейин башкарган. Мында Мухаммед Хайдар ката кетирген, себеби тимурилердин доорундагы булактардан XV кылымдын биринчи чейрегинде Моголстандын тактысында кезеги менен эң кур дегенде үч хан болгондугу белгилүү, анын үстүнө Мухаммед Хайдар өзү Хизр кожонун балдарын-Шами Жеханды, Накши Жеханды жана Мухаммедди хан деп атайт. Андан тышкары Мухаммед Хайдар өзүнүн туугандарынын айтып берүүлөрүнөн улам, атактуу бабасы Худайдад тактыга алты ханды отургузгандыгын эсине жакшы тутуп калган жана алардын аттарын санап өтөт: Хизр кожо, Шами Жехан, Накши Жехан, Мухаммед, Шир Мухаммед, Вейс. Бул адамдардын баардыгы ошол мезгилдеги башка булактарда эскерилет, Хихр кожо, Шами Жехан, Мухаммед, Накши Жехан жана Вейстин ысымдары ушул көрсөтүлгөн тартипте «Мин шиде» аталат. «Матла ас-саадайиде» Шир Мухаммеддин ысымы Вейс хандан түздөн-түз мурунку мезгилде аталып өтөт. Бирок, Абд ар-Реззак Шир Мухаммедди Хан деп атабайт. «Тарих-и Рашиди» боюнча алардын башкаруу мезгилин даталоо мүмкүн эмес.
Хизр кожонун өлүмүнөн кийин ич ара чыр-чатактын жаңы мезгили башталган. Худайдаддын хандык тактыдагы жаңы креатуралары эң эле күчтүү Худайдаддын бийлигине каршылык көрсөтүүгө аракеттенишкен деген божомол өз ыктымалдуулугун жоготкон жок. Хизр кожо дуглаттардын үйүнүн, өзгөчө аталган уруунун аксакалы жана мамлекеттин башкаруучусу катары улусбеги Худайдаддын артыкчылык укуктарын ырастап гана тим болбостон, ошондой эле аларды кеңейткен. Хизр кожонун мураскорлоруна тиешелүү бул өңдүү эскертүүлөрдү биз кезиктирбейбиз.
Могол ханынын Турфанды жана Кара кожону басып алгандыгы жөнүндөгү «Зафар-намэден» алынган, бирок өзүнүн жеке баяндоосу менен берилген маалымат кызык. Мухаммед Хайдар бул маалыматты Хизр кожонун мезгилине таандык деп эсептейт; бул мезгилде тактыда Шами Жехан болгондугу ыктымал. Хизр кожо Моголстан мамлекетине бүлгүн алып келген узакка созулган ич ара чыр-чатактардан кийин башкарган. Ал нике байланыштарын чыңдоо аркылуу Тимур менен тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Кала берсе Хизр кожо хандык бийликтен жарым-жартылай көз каранды болгон эмирлерди баш ийдирүүгө чоң күч жумшаган. Анын жаңы жерлерди каратып алууга жетиштүү күчү болгон эмес. Шами Жехан өлкө бир аз убакытка тыныгуу алган учурда башкарган. Тимур башка өлкөлөрдө согуштук операцияларды жүргүзүү менен алектенип жаткандыктан, Шами Жехан Тимурдун аскерлеринин пайда болушунан кооптонбостон, Турфанга карай бет алган.
Шир Мухаммед менен Вейс хандын ортосундагы күрөш тууралуу, ошондой эле Хайдар тарабынан датасы көрсөтүлбөгөн «Тарих-и Рашидидеги» маалыматтарды башка булактардын маалыматтары менен салыштыруу өтө баалуу. Бул ич ара чыр-чатактарга Хафизи Абрунун «Зубдат-таварих» эмгегине киргизилген «Дневник посольства Шахруха в Китай» деген белгилүү эмгегинде Гияс-ад-дин Наккаш ишарат кылат.
Бой жетип, баралына толгонго чейин Вейс чоң атасы Шир Мухаммедде болгон, андан кийин Турфандын – Лоб Нордун районуна качып барып, анда Шир Мухаммед менен күрөшүү үчүн күч топтой баштаган. Жергиликтүү эмирлердин кысымы астында ал Турфандан Түркстанга качууга мажбур болгон. Гияс ад-дин Наккаш Юлдуздан чыгышыраак тараптагы райондо таасирдүү эмир Мухаммед-бекти жана өз жер ээликтерин башкарган анын бой жеткен уулдарын атайт. Алардын баардыгы Вейс ханга каршы чыгышкан. Түркстанда Вейс хан башкаруучу Нур ад-динди өз тарабына тарта алган, аны менен келечекте Шир Мухаммедке каршы бирге иш алып барган. Бул мезгилде Вейс хан хан болуп жарыялангандан кийин, анын штабы жайгашкан азыркы Кыргызстандын аймагында, кыязы, душмандардын кагылышуулары болуп турса керек. Салгылашуулардын бирөөсү тууралуу Хайдар кеңири баяндайт. Вейс хан Шир Мухаммеддин ордосуна түн оокумда байкоосуздан кол салып, таң сүргөнчө колуна туш келгендердин баардыгын өлтүргөн, ошондой болсо да Шир Мухаммед жардын ичине бекинип, аман калган.
1420-жылдын май айында бул аймактан өтүп бара жаткан Шахрухтун элчилери бул өңдүү дүрбөлөңдөрдөн кооптонушкан. «Күтүлбөгөн жерден Вейс хан Шир Мухаммедди өлтүрүү үчүн аны талап кылган деген кабар келди. Ошондуктан Күл Мухаммед жана моголдук айрым эмирлер Вейс ханга каршы козголоң чыгарышкан, ошентип бүткүл айыл дүрбөлөңгө түшкөн. Андан кийин дүрбөлөң тынчып, эмирлер Вейс ханга баш ийишти деген кабар келген», – деп жазат Гияс ад-дин Наккаш.
Акыркысын аздыр-көптүр салыштырмалуу түшүнүүгө болот, себеби Хафизи Абрунун текстинен ошол эле жылдын 20-июнунда могол эмири Мухаммед-бектин уулдары Вейс хандын элчилерин тоноп кетишкендигин көрөбүз. Мухаммед-бек, калыбы, Вейс ханга багынып бербесе керек.
Бул окуялардагы манилүү ролду Наккаш жана Мухаммед Хайдар тарабынан эскерилген эмир Худайдад Дуглат ойногон. Хайдар аталган окуяларга байланыштуу Худайдад Дуглаттан башка, бул мезгилде Самаркандда Улукбектикинде болгон Сейид-Али Дуглаттын да ысымын атайт, акыркысы Сейид-Али Дуглатка айткан өңдөнөт: «… сиз Шир Мухаммед-хан экөөбүздүн ортобузда тынчтык келишими түзүлмөйүнчө, ал экөөбүздүн ортобузда далдалчы болосуз». Бирок, Сейид-Али Худайдадка Моголстанга келгенде, Худайдад аны тандалып алынган алтымыш чоросу менен Шир Мухаммедке эмес, а анын душманы
Вейске жөнөткөн, Сейид-Али бийлик үчүн болгон күрөштө Вейс ханга көптөгөн кызматтарды көрсөткөн, ал кызматы үчүн Вейс хандан манилүү белектерди, жер үлүштөрүн жана «гурган» титулун алган.
Мухаммед Хайдардын эмгегинде Вейс хандын өлүмүн өн кийин башталган кош бийликтин учурундагы феодалдык бытырандуулуктун күч алышы жана ич ара чыр-чатактардын мезгили баяндалат.
Ич ара күрөштү эки топ жетектеген, алардын ар биринин номиналдуу башчысы Вейс хандын уулу болгон. Отурукташкан райондорго умтулган партиялардын бири Вейстин кичүү уулун – отуз жаштагы Юнусту хан көтөрүүнү каалашкан. Ал партиянын башында Мирек Түркмөн менен Иразан Баарин турган. Ич ара күрөштө жеңилип калган бул партия Моголстандан качууга жана Самарканддагы Улукбектен колдоо издөөгө аргасыз болгон. Улукбек моголдорду алсыратуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, алардын көпчүлүгүн өлтүргөн. Юнус болсо Шахрухка, андан кийин Иранга жөнөтүлгөн. Турфан уйгурларынан чыккан Тимур деген кимдир бирөө жетектеген экинчи топ өлкөнүн көчмөн райондоруна, көчмөн турмушка умтулган.
Аталган топ хан кылып Вейстин тун уулу Эсен Буканы койгон. Өлкөдөгү бийликти басып алуу менен бул топтун ичинде, мурда Юнустун тобу менен күрөшүп жаткан учурда арткы планга сүрүлүп ташталган карама-каршылыктар келип чыккан. Башка эмирлердин нааразычылыгы бийликти басып алган Тимур-Уйгурдун кыжырын кайнаткан. Кыязы, Худайдаддын уулу Мухаммед-Шах Дуглат жетектеген кутум уюштурулган. Эмирлер Эсен Буканын көзүнчө Тимур-Уйгурга кол салып, временщикти бөлүкбөлүк кылып кескилеп салышкан. Хан качкан. Бирок, ошого карабастан кийин Эсен Бука менен МухаммедШахтын, ошондой эле ал мезгилде Кашкарда чыңдалып алган Сейид-Али Дуглаттын (Худайдаддын небереси) ортосунда келишим түзүлгөн. Эсен бука Сейид-Алинин аскердик күчтөрүнө таянып, Аксудагы хандык тактыны кайрадан ээлеп алган. Ал абдан чыңдалып, бекемделип алгандыктан, ошол мезгилде тимурид Абу Саиддин жер ээликтеринин курамына кирген Фергана менен Ташкенттин коңшу райондоруна кол сала баштаган.
Иранда узак мезгилдер бою жашап келген Юнусту Моголстанга жөнөтүү менен андагы феодалдык ич ара чыр-чатактарды кайрадан курчутуу идеясы дал ушул Абу Саидке таандык. Моголстанда Юнус хан өз тарабына Ысык-Көл аймагынын эмирлерин-күнджи жана башкалардын эмирлерин тарта алган. Юнустун отурукташкан турмуштун салт-санааларына, башка талаа түрктөрүнө өтө кескин умтулуусу, адегенде ага күчтүү оппозицияны туудурган. Юнус Моголстандын талааларында үстөмдүк кылган көчмөн ак сөөктөр менен эсептешүүгө аргасыз болгон. Бирок, Юнустун өзү жана кыязы, кандайдыр бир эмирлердин тобу коңшу тимуриддик кожоюндар менен байланыш түзүүгө умтулушкан, бул эмирлердин чөйрөсүндө XV кылымдын соңуна карай жер ээликтерди бекемдөө жана отурукташкан турмушка өтүү тенденциясы пайда болгон. Бул тенденция айрыкча Юнустун хан болуп туруп, борбор шаарды Ташкент кылгандыгынан байкалат. Ошол эле учурда көчмөндөрдүн салт-санааларынын күчү ушунчалык чоң болгондуктан, Мухаммед Хайдар жазгандай, ошол мезгилде бир кыйла узак убакытка турукташкан өз бийлигинин кадыр-баркын сактоо үчүн, Юнус ханга Моголстандын талааларында жазгы-жайкы сезонду өткөрүүгө туура келген.
Моголстандын тарыхы боюнча өз алдынча жана жалгыз булак катары «Тарих-и Рашидинин» баардык маалыматтары XV кылымдын ортосуна чейин негизинен азыркы Кыргызстандын аймагы менен чектелгендигине карабастан өтө баалуу, бирок ошондой болсо да Мухаммед Хайдар бул мезгилдеги окуяларды түшүндүрүүдө ТеңирТоонун аймагындагы кыргыздардын болгондугу тууралуу эч бир жерде эскербейт.
XV–XVI кылымдардын чегинде Могол мамлекетинин тактысында Юнус хандын уулу Махмуд болгон. Махмуддун тушунда өлкөнүн борбору болуп, анын атасынын өмүрүнүн акыркы жылдарындагыдай эле Ташкент бойдон кала берген. Махмуд отурукташкан турмушка өтүүгө умтулган топту жетектеген; атасынын көзү тирүүсүндө эле андан бөлүнүп чыккан Махмуддун иниси Ахмед могол талааларында жашап, көчмөндөрдүн тобуна башчылык кылган. Ахмед агасы Махмуддун жогорку бийлигин тааныган, бирок Махмуддун Моголстандын талаа райондорундагы бийлиги, чындыгында, номиналдуу болгон. Ахмеддин резиденциясы могол хандарынын эски борбор шаары Аксу болгон. Чындыгында бири-биринен көз карандысыз болгон эки могол мамлекети жашаган. Ага-инилердин ортосунда согуштук кагылышуулар болгон эмес. Ахмед таянган күчтөрдүн бирин кыргыздар түзгөн деп божомолдоого негиздер бар. Бул төмөнкү түшүнүктөрдөн келип чыгат.
XVI кылымдын башында кыргыздар «Тарих-и Рашидиде» азыркы жашап турган аймактарда эскерилет, анын үстүнө автор түздөн-түз мындан мурунку мезгилдердеги алардын жер которуулары жөнүндө эч нерсе билдирбейт. Мындан улам Ахмед хандын башкаруу мезгилинде могол талааларындагы кыргыздар «Тарих-и Рашидиде» биринчи жолу эскерилген учурдан он-он беш жыл мурун балким андан көбүрөөк мезгилде эле аталган аймактарында көчүп жүрүшкөн деп корутунду чыгарууга болот. Бирок ошондой болсо да Мухаммед Хайдар Ахмед хандын согуштук иштерин баяндоодо анын душмандарынын арасынан кыргыздардын атын атабайт, Хайдар кыргыздарды бир аз кийинчерээк, маселен, Мансур тууралуу сөз кылганда атайт. «Могол талааларынын» турмушунда көрүнүктүү гана эмес, ошону менен катар маанилүү роль ойногон кыргыздар, Ахмед хандын тарабында болгондугу талашсыз. Бул Ахмед хандын уулу Халилдин атасынын өлүмүнөн кийин так ушул кыргыздарга качып баргандыгы менен да бышыкталат, кыязы, кыргыздар менен Халилдин атасынын ортосунда мамилелер жакшы болгондуктан, Халил кыргыздардын кабыл ала тургандыгына ишенип аларга качып барса керек. «Тарих-и Рашидиден» көрүнүп тургандай, чындыгында кыргыздар Халилди жакшы тосуп гана албастан, ошондой эле аны өздөрүнүн «падышасы» деп да жарыялашкан. Халил отузга толо элек болгондуктан атасынын кыргыздар менен жөнгө салып кеткен алакаларына, Халил өзүнүн хан болуп жарыяланышы менен милдеттүү болгон деп божомолдоо керек.
Ахмед кыргыздардын жана могол урууларынын бир бөлүгүнүн колдоосуна таянып, ал мезгилде Мавераннахрдагы тимурилик ханзаадалар менен күрөшүп, чолосу тийбей жаткан атасы Юнус хандан 1484-жылы Моголстанга качса керек. Юнус хан Моголстандагы могол хандарынын арасынан чоочун атаандаштар калбагандыктан, качкындарды куугунтуктаган эмес. Мухаммед Хайдар белгилегендей, Ахмед он жыл бою өзүнүн Моголстандагы бийлигин чыңдоо үчүн болгон күрөштөн колу бошогон эмес. Ахмед хандын негизги душмандары феодалдар болгон. Могол жана түрк урууларынын бир бөлүгүнө таянып, Ахмед 1490-жылдардын ортосуна карай өз бийлигин чыңдаган. Ал арлат уруусуна каршы чыгып, аны жок кылган. Андан кийин ал өз күчтөрүн, эмирлери XV кылымдын отузунчу жылдарынан бери көз карандысыздыгын сактап, могол хандарына каршылык көрсөтүп келе жаткан чурас уруусуна багыттаган. Ахмеддин бул урууну багынтып, анын башчысы Султан Алини жок кылуу иши оңунан чыккан. Халаджалар менен болгон узакка созулган күрөш да Ахмеддин жеңиши менен аяктаган. Халаджалар калмактарга качып барышкан. Ахмеддин бийлиги астында турган аймакта калган халаджаларды ал куугунтуктап, аларды эки жылдын ичинде толугу менен кырып жок кылган. Мухаммед Хайдар Ахмеддин ички душмандарынын ичинен негизгилери деп калмактарды жана өзбектерди (казактарды) атайт. Анын бийлиги ушунчалык бекем болгондуктан, Моголстандын чек араларына жети-сегиз айлык аралыкка чейин калмактар да, өзбек-казактар да жолой алышкан эмес. 1500–1502-жылдары Ахмед хан Абу Бекрдин Кашкардагы көз карандысыз ээлигин жок кылууга аракет жасаган. Бирок, Абу Бекр ушунчалык олуттуу каршылык көрсөткөндүктөн, Кашкарга, ЯнгиГисарга отурукташып алууга ниеттенген Ахмед артка Аксуга чегинүүгө аргасыз болгон. Ахмеддин бардык бул жортуулдарындагы көрүнүктүү роль, тышкы душмандарга каршы да, моголдук күчтүү феодалдар менен болгон күрөштө да Ахмедке натыйжалуу колдоо көрсөтө алган кыргыздарга гана таандык экендиги талашсыз.
Өзбек ханы Шейбани Түркстанда бекемделгенде жана анын улам жогорулап бара жаткан бийлиги Махмудка коркунуч туудура баштаганда, ал колунда бар күчтөр менен ага каршылык көрсөтүү аракетин жасаган. Бул күчтөр жетишсиз болгондуктан Махмуд инисинен жардам сураган. Номиналдуу жогорку башкаруучу Махмудду жана агасынын согуштук иштерин колдоо үчүн Ахмеддин Мавераннахрга жасаган жортуулуна кыргыздар да катышкан. Бир туугандар жеңилүү ызасын тартышкан. Аксуга кайтып келгенден кийин Махмуд мамлекеттин жогорку башчысы катары өз бийлигин иш жүзүнө ашырууга ниеттенген. Бирок мында негизги күчтөр Ахмеддин колунда болгон. Бир туугандардын ортосунда кокусунан башталган күрөшкө алардын уулдары да катышкан. Ахмед хан ууландырып өлтүрүлгөн деп жазат Мухаммед Хайдар, бирок ууландыруучу деп Шейбанини атайт. Буга Ахмеддин көзү тирүү кезинде могол талааларында өз бийлигин чыңдоого ниеттенбеген Махмуддун катыштыгы болушу мүмкүн. Ахмед өлгөндөн кийин Махмуд жер үлүштөрүн бөлүштүрүп берүү менен Ахмеддин уулдарынын көңүлүн алууга аракеттенген. Муну менен ал ошондой эле өзүнүн жеке максаттарына жетишүү үчүн чыр-чатак чыгарууну да ойлогон. Бирок ал өзүнүн тарабына Моголстандын согуштук-көчмөн ак сөөктөрүн тарта алган эмес.
Батышка жортуулга кетип жатып, Ахмед Моголстандын, Чалыштын, Турфандын, Байдын, Кусандын жана Аксунун башкаруучусу кылып өзүнүн уулу Мансурду калтырган. Бул жерде Моголстан деп тоолуу райондор айтылып жатат, демек, Мансур Ахмеддин бийлиги астында турган бардык аймакты башкарган. Могол ханы Ташкент районунан ажырагандан кийин, бул аймак, чындыгында, Ахмед хан өлгөндөн кийин бир катар бытыранды ээликтерге бөлүнгөн Могол мамлекетин элестеткен. Мансур алгачкы жылдарда өзүнө Чалыш жана Турфан райондорун гана сактап калган. Аксуга бүткүл моголдордун номиналдуу ханы Махмуд отурган, бирок ал көп узабай жээндеринин кысымы менен Жетикентке өткөн, муну менен бирге ал Аксуну бир аз убакытка өз бийлиги астында кармап турган. Кыргыздар Ысык-Көлдүн районунда болгон, кыргыздарга адегенде Султан Халил качып барган, буга чейин ал Мансур хандыкында болгон. Андан кийин кыргыздарга Халилдин тууганы, буга чейин Мансурдун сарайында болгон Султан Саид качып барган.
Бай менен Кусанда могол хандарынын урууларынын жарым көз каранды болгон тукумдары башкарган. 1504–1508-жылдары Ысык-Көл, Фергана жана Аксунун ортосундагы аймакта, башкача айтканда азыркы Кыргызстандын аймагында Махмуддун, Мансурдун, Саиддин жана Халилдин ортолорунда тынымсыз салгылашуулар болуп турган. Саид менен Халил чогуу аракет жасашкан: алардын согушка жөндөмдүү негизги күчтөрү кыргыздар болгон. Бул салгылашууларда Саид менен Халил өтө олуттуу жаракат алышкан. Кыргыздарга таянган Саид менен Халилдин кысымы астында, акыры Махмуд Мавераннахрга качууга аргасыз болгон, Мавераннахрда Шейбани хандын буйругу менен Махмудду бүт үй-бүлөсү менен Ходженд суусунун жээгинде даргага асып өлтүрүшкөн.
Махмуддун ич ара күрөштөн чыккандыгын билип, Мансур өзүнүн козголоңчул туугандарына таяныч болуп кызмат кылган кыргыз урууларын талкалоого камынып, Чалыштан Турфанга бет алган. Мансурдун туугандары бардык кыргыздарды жана моголдорду топтогон жана өздөрү тандаган Чарын-Челек деген жерде өтүүчү согушка даярданышкан. «Тарих-и Рашидинин» башка жеринде бул салгылашуу Алматы деген жерде болгондугу айтылат. Биз төмөндө бул салгылашууну кыскача баяндоого токтолобуз.
Султан Саид менен Халил Султан бардык кыргыздар менен моголдорду чогултуп, согушка даярданышкан. Алар Чарын-Челек деген жерде турушкан. Көп өтпөй Мансур хандын аскерлери келишкен. Күжүрмөн жана күрөшкө умтулган баатырлар биринин артынан бири бара жатышты. Жөө аскерлер, атчандар келе жатты. Уруу артынан уруулар, кошуун артынан кошуундар козголуп жатты. Кечке жуук эки тараптын тең аскерлери бири-бирине каршы туруп, күндүн батышына байкоо салып турушту. Түн алдыдагы салгылашууга даярдык көрүү менен өттү.
Согушка даярдык көрүү менен эки лагерде тең эч ким кирпик каккан жок. Таңында аскерлер катарга тизилишти. Кара булуттар түрмөктөлүп, шамал башталды. Аскерлер бири-бирине бетме-бет турушту. Саид хандын уруксаты менен биринчилерден болуп Шейх Али Бахадур чыкты. Ал каршылашын күрөшкө үндөп, аскерлердин алдына суурулуп чыкты. Мансур хандан Кутлуг Мухаммед Бахадур чыкты. Узакка созулган күрөштөн кийин жеңиш Кутлуг Мухаммеддин тарабына оой баштады. Ушул учурда эки тараптын тең аскерлери бири-бирине чабуул коюшту.
Салгылашуу бир тууган Халил менен Саиддин жеңилүүсү менен аяктаган. «Кыргыздардын падышасы» Халил Мавераннахрга Шейбани ханга качып барган жана анын буйругу менен Аксу суусуна чөктүрүлгөн. Даргага асылып өлтүрүлгөн башка адамдардын арасында «Тарих-и Рашидинин» авторунун таякеси Сейид Мухаммед Дуглат да болгон. Саид Ысык-Көлгө элүү адамдан турган отряды менен качып барып, талоончулук жана аңчылык менен алектенген. Нарын дарыясынын аймагында көчүп жүргөн баарин уруусуна Саид кошулууну каалаган, бирок аталган уруу Саидди кабыл алган эмес. Саиддин отряды кыйраган, өзү болсо бир нече апталык жер кезип жүрүүдөн кийин Андижанга барган. Андижанда аны түрмөгө отургузушкан, бирок Саид каландардын кейпин кийип Кабулга качкан, Кабулда бөлөсү Бабур тарабынан жылуу кабыл алынган.
Мансур талкалаган кыргыздарды Моголстандагы баардык баш аламандыктардын баштоочулары катары айыптап алардын жарым-жартылайын ал Чалыш менен Турфанга көчүргөн, жарым-жартылайы туш-тушка тарап жок болушкан.
Бир туугандардын ич ара күрөшүнө Кашкардын башкаруучусу Абу Бекр Дуглат дайыма кийлигишип турган. Анын аскерлеринин кыргыздар менен моголдордун конуштарына кайра-кайра кол салуусунан улам, кыргыздар да, моголдор да эки-үч айлык жол менен эсептегендей аралыкка чейин Кашкарга жакындап келүүгө батына алышкан эмес жана өздөрүнүн тартипсиз абалына себепкер болушкан. Абу Бекрдин аскерлеринен бул уруулар ар кайсы багыт менен качышкан. Кыргыздар – «Моголстандын токой (жапайы) арстандары» – бул жерде кала алышкан эмес жана Чалышка кетишкен. Чарын-Челектеги салгылашуудан кийин кыргыздардын жарым-жартылайы кырылган.
Бирок Мансур менен Абу Бекр эң эле чоң ийгиликтерге жетишкен учурда да кыргыздардын көпчүлүгү Ысык-Көлдө жашоону уланта беришкен. Чалыш менен Турфанга моголдор менен кыргыздардын анча чоң эмес бөлүгү гана кеткен, анткени мында Мухаммед Хайдар: «Бардык моголдор Турфан менен Чалышта турушчу. Ал (Абу Бекр) кыргыздарга Ысык-Көлдүн ушул жээгин калтырган». Мансурдун коргоосу астына өтүүгө аргасыз болгон, ошондой эле анын кысымы менен көчүрүлгөн кыргыздарды жок кылуу, калыбы, кеңири масштабды камтыбаса керек, ошентип кыргыздардын негизги массасы Ысык-Көлдө жана Чүй суусунун алабында кала беришкен. Бул жадагалса түздөн-түз Чарын-Челектеги салгылашуудан кийин Саид хан кыргыздарга кошулууга камынып, өзүнө карама-каршы багытта келе жаткан кишини Нарындан жолуктурганынан да көрүнүп турат.
1510-жылга карай жеңилүү ызасын тарткан кыргыздардын сезими ойгонгон. «1510-жылдан тартып кыргыздар бир дагы моголго, Моголстанда жашоого мүмкүндүк берген эмес», – деп жазат Мухаммед Хайдар. Абу-Бекр менен Мансурдун Ысык-Көлгө жасаган экспедицияларынын убактылуу токтогондугунан пайдаланып, коңшу башкаруучулардын кол салууларынан жашырынып, кыргыз уруулары 1510–1512-жылдары Ысык-Көлгө ар тараптан агылып келе башташкан жана 1514-жылга карай бул аймакта эң эле таасирдүү күчтү түзүшкөн. Бул жылдары кыргыздар азыркы Кыргызстандын аймагында көчүпконуп жүрүшкөн. Алардын көчмөн райондору чыгышта Уч, Аксу, Бай, Кусан, Чалыш жана Турфанды камтыган Мансурдун жер ээликтерине чейин жеткен. Кыргыздардын түштүктөгү коңшусу Кашкарды, Янги-Гисарды жана Яркендди ээлеген Абу-Бекр Дуглат болгон.
1514-жылы Мухаммед Кыргыз баш болгон кыргыздар, могол ханы Саиддин Абу-Бекрге каршы күрөшүнө активдүү катышкан. Саид хан Андижандан чыгып, азыркы Ош областынын аймагы аркылуу өткөн. Буга чейинки жылдарда Абу-Бекр бир нече ирет жортуул жасаган кыргыздар Саиддин тарабында болушкан. Саид 1504–1508-жылдары өз тууганы, кыргыздардын «падышасы» Халилдикинде болгон, бул шарт кыргыздардын Саиддин аскерлерине кошулуусунда манилүү роль ойногондугу талашсыз. Саиддин аскерлери Абу-Бекрдин чечүүчү күрөшкө чыгуусун күтүп, эки ай бою Кашкар менен Яркенддин аралыгында лагерь болуп турганда, Саиддин аскерлерине кыргыздар келип кошулган. Ушул мезгилде «кыргыз эли менен Моголстандан Мухаммед Кыргыз келген». Убада кылып берген жардамы үчүн, Саид хан кыргыздарды көптөгөн белектер менен сыйлаган.
Мухаммед Кыргыз кыргыз кошуундары менен Яркендке рейдке барып, Абу-Бекрдин борбор калаанын жанындагы чыныгы күчтөрүнүн санын билип келүүгө жөнөтүүнү Саид хандан суранган. Саид анын сунушун жактырып, ага жардам иретинде бир нече «ардактуу адамдарын» жөнөткөн. Кыргыздардын отряды Яркендден эки фарсах (15 км) аралыкта жайгашкан Арлан Багга кол салган жана талкалаган. Мухаммед Кыргыз Абу-Бекрдин армия топтоп жаткандыгын, бирок каршылык көрсөтүүгө азырынча анын жетишерлик күчү жок экендиги жөнүндө кабар алып келген. Саид хан муну билген соң Яркендке Кашкар менен Янги-Гисарды айланып барууну чечкен. Яркенддин цитаделин алуу үчүн Саид хандын аскерлеринин куралдары болгон эмес, алар болгону узак убакыт курчоонун натыйжасында шаарды басып алууга ниеттенишкен.
Яркендке бара жаткан жолдо Янги-Гисардан он фарсах (70–80 км) алыстыкта турган Яркенддин астында кыргыздар Саид хандын аскерлери менен бирге лагерь болуп турушкан. Айрым отряддардын бир нече ирет болгон салгылашууларына карабастан, Яркендди толук блокадага алууну уюштуруу оңунан чыккан жок, ошентип шаар да багынбады. Эми болсо Янги-Гисарды штурмалоого баруу чечилди. Янги-Гисарды, андан соң Кашкар менен Яркендди ээлөөгө, бул «Тарих-и Рашидиде» кеңири баяндалбаса да, кыргыздар жигердүү катышкан. Бул операцияларга сиңирген эмгеги үчүн Саид хан Мухаммед Кыргызды баалуу белек-бечкектер менен сыйлаган. Мухаммед Кыргыз менен келген кыргыздар эки айга созулган Кашкардагы талап-тоноочулуктун убагында чоң олжону басып алышкан.
Алар Саиддин вассалдары деп эсептелген. Бул мезгилде чыңдалып алган кыргыздар Түркстанга жана андан ары Анжиян, Аксыга чейин чабуул коюп кирип турушкан. Өзбек-шейбанилер бул чабуулдардын мизин кайтарууга ийгиликсиз аракеттенишкен. Мухаммед Кыргыз менен болгон күрөшкө өзбектердин Кучум ханынын (Кунжинин) уулу, Түркстанда башкарган Абдулла катышкан. Кыргыздардын Түркстанга жасаган кезектеги кол салууларынан кийин Абдулла өз аскерлери менен кыргыздарды чабуулга алган. Жанданган салгылашууда Абдулла талкаланып туткунга түшүрүлгөн, анын жактоочуларынын көпчүлүгү кырылган. Бирок ошого карабастан Мухаммед Кыргыз бир күн өткөндөн кийин Абдулланы тирүү калган адамдары менен Түркстанга жөнөткөн. Мавераннахрды багындыруу жөнүндөгү ойго эргиген Саид хан вассалы Мухаммед Кыргыздын ээн баштыгына кыжыры кайнаган жана 1517-жылдын күзүндө кыргыздарга жүрүш жасоого аскер топтогон.
«Тарих-и Рашидинин» автору жазгандай, бул жүрүш коңшу элдердин мусулмандарын карактаган «динсиз» кыргыздар менен күрөшүү үчүн уюштурулган. Негизги күчтөр Кашкарга топтолгон. Аскерлер үч бөлүк болуп барышкан: авангарды баарындардан чыккан Кожо Али Бахадур жетектеген; Саид хан негизги күчтөр менен Барскоон тарапка жөнөгөн; Саиддин иниси Айман кожо калган отряддар менен Жууку аркылуу барган. Кожо Али жолдон кыргыздардын чакан отрядын камынтпай басып алган, ал ушул кыргыздардан алардын негизги күчтөрү Ысык-Көлгө Барскоон суусунун куйган жериндеги жээкте негизги лагерь болуп жайгашкандыгын билген. Кожо Али бул маалымат жөнүндө Саид ханга элчи жөнөтүп, андан кыргыздарга камынтпастан кол салуу үчүн алардын жайгашкан жерине негизги аскерлер менен шашылыш келүүсүн өтүнгөн. Хандын аскерлери калган аралыкты ыкчам басып өтүп, кыргыздардын конушу көрүнгөн Худжир капчыгайынын оозуна чак түштө жакындап келишкен. Чалгындоого чыгып, Саид хан алыста жайылып жүргөн кыргыздардын малын жана боз үйлөрүн көргөн. Түн ичинде аскерлер өрөөнгө түшүп, күчтөр кайрадан топторго бөлүштүрүлгөн. Ар бир ондуктан төрттөн адам борборго калтырылган, калган алтоо флангдан чабуул коюуга бөлүнгөн. Түн ичинде баарысы даярданышып жана куралданышкан, күндүн чыгышы менен чабуулчулар сурнайлардын, барабандардын жана цимбалдардын үнүнүн коштоосу астында кыргыздарга кол салышкан. Аскерлердин борбордук бөлүгү кол салып жаткандарды колдоп, ордунда кала беришкен. Түшкө жуук кыргыздар жеңилген. Мухаммед Кыргыз авангарддын командачысынын тууганы тарабынан туткунга түшүрүлгөн. Саид хан Мухаммед Кыргызды камаган жана ага көзөмөл жүргүзүү ишин мамлекеттеги өзүнөн кийинки эң эле ири кызмат адамы-улусбеги Сейид Мухаммед Дуглатка тапшырган. Кыргыздардын короо-короо койлору, аттары жана төөлөрү басылып алынган. Туткундалган кыргыздар акырында боштондукка коё берилгени менен алардын көбү, кыязы, кырылса керек. Бул кыргыздар мусулмандарга эмне кылса, Саид хан да кыргыздарга ошону кылган деген маалыматтан көрүнүп турат.
Салгылашуудагы жеңишке карабастан 1517-жылдагы Саид хандын жүрүшүнүн негизги максаты ишке ашкан эмес. Кыргыздардын жол башчысы Мухаммед Кыргыздын туткунга түшкөнүнө карабастан, кыргыз уруулары могол ханынын аскерлери кеткен соң кайрадан биригишип, Ысык-Көл аймагында үстөмдүк кылууну уланта беришкен. Могол ханынын кыргыздарды багынта албагандыгы аз келгенсип, хан өзү кыргыз урууларынын күч алышы жеке бийлигиме коркунуч туудурат деп кооптонгон. «Тарих-и Рашидиде» 1517–1522-жылдары жол башчысы жок кыргыздар, ушул жылдары Мавераннахрга кол салып турушкан деп айтылат. Мындан тышкары Ысык-Көл аймагынын обочолонушу могол мамлекетинин экономикасына олуттуу зыянын тийгизген, анткени Кашкарды жабдуу Ысык-Көлдүн мал чарба продуктыларын жеткирүүдөн көз каранды болгон. Кашкариянын жетиштүү жайыты болгон эмес. «Короо жана үйүр малдар ушунчалык көбөйгөндүктөн, Кашкардын тоолору менен өрөөндөрүндө жетиштүү жайыт болгон эмес» – деп жазат Хайдар. Хандын жакындары алардын артынан түшүп, бири-бири менен атаандашкан. Ошону менен катар өзгөчө төрөлөр – Сейид Мухаммед Дуглат менен Кожо Али Бахадур жүрүшкө башчылык кылууга умтулушкан. Көрсөтүлгөн төрөлөрдүн ар биринин жеке кызыкчылыктарынын орундатуучусу катары каралган могол ханзаадасын номиналдуу башчы кылып бекитүүгө болгон эки төрөнүн ар биринин умтулуусу – бул күрөштүн тышкы жагы эле. Сейид Мухаммед Саид хандын тун уулу Рашидди бекитүүгө жетишкен. Анын алдындагы туруктуу насаатчы, Сейид Мухаммеддин жээни, биздин автор Мухаммед Хайдар болгон. Кожо Али 1504–1508-жылдары кыргыздардын «падышасы» болгон Халилдин уулу Баба Султандын кандидатурасын сунуштаган. Кожо Али бул жаш ханзааданын атабеги (тарбиячысы) болгон жана Баба Султандын ысымы ага жеке баюуну, жүрүштө ийгиликти жана кыргыздардын чөйрөсүндө таасирдүүлүктү алып келе тургандыгына ишенген. Кожо Али, эгерде буйрук берилсе, анда Баба Султанды алып Моголстанга, башкача айтканда мында Ысык-Көлгө бара тургандыгын жана аны ээлеп, кыргыздарды багындыра тургандыгын Саид ханга билдирген. Бул күрөштө Сейид Мухаммеддин партиясынын жеңип чыгуусуна Кожо Алинин өлүмү түрткү болгон.
Кыргыздарды могол ханынын бийлигине баш ийдирүүгө мурда жасалган ийгиликсиз аракеттердин натыйжасында бул жолу ар түрдүү убадаларды берүү менен иш алып баруу чечилген. Төрт жылдык камактан кийин Мухаммед Кыргызды абактан бошотушкан жана могол ханына вассалитет болуу шарты менен аны кыргыздардын эмири кылып дайындашкан.
Аскерлер Ысык-Көлгө утурлап барганда, Мухаммед Кыргыздын командачылыгы астындагы аскерлер илгери чыгарылган. Бизге белгилүү болгон булактардын ичинен 1522-жылдагы жүрүштү түшүндүрүп берген жалгыз булак «Тарих-и Рашиди» боюнча алып карай турган болсок, Мухаммед Кыргыз айрым кыргыздардын Моголстандын чет-жакаларына качып кеткендигине карабастан, алардын көпчүлүгүн өз тарабына тарта алган. Кышка карай аскерлер Кочкордо лагерь болуп турушкан. Кыргыздардын жарым-жартылайынын могол ханынын бийлигин аргасыздан күч менен тааныгандыктан, алардын могол ханынын бийлигин тааныгандыгына ишеним аз эле. Рашид, могол эмирлери жана Мухаммед Кыргыз баш болгон отряддар туш-тушка таралып кеткен кыргыздарды алардын конуштарына кайтарып келүү үчүн, Кочкордон Моголстандын ар кайсы булуң-бурчтарына эки жыл бою рейд жасашкан. «Алар туш-тушка чачырап кеткен кыргыздарды кайрадан артка алып келе алышкан» деп жазат Мухаммед Хайдар.
Саид хан Ысык-Көлдө өз бийлигин эки жыл бою сактап тура алган, бирок 1524-жылы могол отряддарынын абалы ишенимсиз болуп калган. Кыргыздар союздаш катары өздөрүнө Тахир баш болгон казактарды тартууга умтулушкан. Саид хан Мухаммед Кыргызды кайрадан туткунга түшүрүп алат. Бирок бул Рашиддин алдындагы кыргыздарды кармап тура алган эмес. Бул аймактагы тартипке байкоо салып турууну Саид хан Мухаммед Хайдарга тапшырган, бардык күч аракеттерине карабастан Саид хан Моголстандын эң алыскы аймактарына таралып кетип, кайрадан пайда болгон кыргыздарды тынчыта алган эмес, Моголстандын ошол алыскы аймактарында кыргыздар Тахирге кошулган деп жазат Мухаммед Хайдар. Кыргыздар менен казактардын кысымы менен РашидСултан акыры Кочкордон Атбашыга качкан. Кошумча күч менен келген хан анча-мынча кыргыздарды гана Атбашыга алып келе алган.
Саид хан 1526-жылы кыргыздарга каршы жаңы жүрүш уюштурган. Кыргыздар таралган аймакка могол ханынын күч менен кирип баруусун баяндаган Мухаммед Хайдар: «Биз Ак-Кумаска жеткенде, хан мени ошол мезгилде Арышлярда турган кыргыздарга каршы беш миң адамдан турган отряд менен Рашид-Султанды коштоп барууга жөнөттү. Биз ал жакка барып, алардын лагери менен али чечиле элек боз үйлөрүн таптык. Алардын жакында эле конушун таштап, качып кеткендигин түшүндүк: айланада алардын курал-жарактары менен буюм-тайымдары чачылып жаткан экен. Биз алардын биздин жакындап келгендигибизди билсин дедик. Алга илгерилеп, биз жаанын жебеси менен жарадар болгон же өлтүрүлгөн адамдардын жана аттардын жанынан өттүк. Сынган көп сандаган жаанын жебелери чачылып жаткан экен. Кылдат издөөлөрдөн кийин биз чала жан адамды таптык, андан Кусандан Бабаджак-султан келип кыргыздарга кол салгандыгын, бул жерде биз келгенге чейин үч күн мурда Бабаджак-султандын жеңилүүсү менен аяктаган абдан катуу салгылашуу болгондугун билдик. Өз үй-бүлөлөрүн өзбектерге (казактарга) калтырып, кыргыздар Бабаджаксултанды куугунтуктоого кетишиптир» деп жазат.
Бул жүрүштүн учурунда моголдор көп малдарды басып алышкан, бирок ошондой болсо да жалпысынан бул жүрүштүн ийгилиги аз болгон. Рашид «кыргыздардын каршылык көрсөтүүсүнөн улам» ошол эле 1526-жылы Кашкарга кайтып келүүгө аргасыз болгон. Кийинки жылы Тахир хан моголдор Ысык-Көлгө калтырып кеткен короокороо жылкылары менен Атбашыда калган кыргыздарды алып кеткен. 1529-жылы кыргыздар Тахир хандан кайрадан бөлүнүп кетишет, ушул 1529-жылдагы окуяларга байланыштуу кыргыздар «Тарих-и Рашидиде» акыркы жолу эскерилет.
Ошентип, Моголстандын эрте тарыхын баяндоодо кыргыздар «Тарих-и Рашидиде» таптакыр эскерилбейт, ал эми XVI кылымдын биринчи чейрегиндеги окуяларга байланыштуу кыргыздар батышта Талас суусунун алабынан тартып чыгышта Чалыш менен Турфанга чейин, түндүктө Иленин ары жагындагы талаалардан тартып түштүктө Кашкарга чейин Моголстандын негизги калкы катары эскерилет. Кыргыздардын негизги таралуу аймагы Ысык-Көл болгон, бирок ар түрдүү шарттарга жараша кыргыз уруулары бирде батышыраак Таласка, бирде чыгышыраак Турфанга көчүп-конуп турушкан.
А.КОЙЧИЕВ
КЫРГЫЗ БИЙ-МАНАПТАРЫНЫН КАТТАРЫ
Кыргыз жазмасынын тарыхынын орчун бөлүгүн, тагыраак айтканда, орто кылымдардан тартып, так XX кылымдын ирегесине чейинки мезгилин араб графикасына негизделген маданият түзөт. Араб жазмасындагы адабий чыгармалар, санжыралар, тарыхый темалардагы китептер, көптөгөн документалдык эстеликтер – ушул мезгилден калган мурас. Ушул мурастын эң көп учураган үлгүлөрү – XVIII–XIX кылымдардагы кыргыз документтери, бий-манаптардын, уруу төбөлдөрүнүн коңшу элдер менен алака-катыш учурундагы жана өз ара жазышкан каттары.
Төмөндө назарыңыздарга сунушталып отурган каттар бугу кыргыздарынын төбөлдөрүнүн 1824–1825-жылдары орус бийликтери менен байланыш түзүп, мамиле күткөн мезгилине таандык.
Бул документтердин орус тилиндеги канцеляриялык котормолору илимпоздор тарабынан кеңири колдонулуп жүрөт. Алардын негизги бөлүгүн В. М. Плоских, Д. Б. Сапаралиев жана башкалар илимий колдонууга киргизип, айрым үлгүлөрүн жарыялаган. Бирок түпкү нускалары негедир тарыхый булак, жазма маданияттын эстеликтери катары изилденбей келген. Бир канча жыл илгери биз алардын түп нускаларын чогултуу менен алектенген элек. Айтылуу түрколог Э. Тенишев (1921–2004) бугу кыргыздары тарабынан жазылган каттардын бир канча үлгүсүн кыргыз жазма маданиятынын жана адабий тилинин тарыхын изилдөөдө пайдаланган.
Алды менен көчмөн кыргыздардын арасындагы жазма маданиятынын калыптанышынын бир көрүнүшү – кат жазуу, кат алмашуу салтынын өздөштүрүлүшүнө учкай токтоло кетейин.
Кыргыз уруу төбөлдөрү коңшу элдер жана мамлекеттер менен алака күтүүдө, өз ара карым-катнашта жазма маданиятты кеңири эле колдонгон. Эмесе, анын бир катар мисалдарын келтирели.
XVIII кылымдын ортосунда кыргыз төбөлдөрү Маматкул (сарыбагыш), Ажы бий (адыгине) Цинь империясы менен байланышканда, кат жөнөтүшкөнү белгилүү. Ал каттар араб жазмасы менен жазылган деп болжоого негиз бар.
1780-жылдары Атаке бий оруска элчи жөнөткөндөгү каттардын үлгүлөрү сакталуу. Атаке бийдин кол алдында такай молдо (катчы) кармаганы дипломатиялык бардык алакалардын, коңшулар менен мамилелердин кат алышуу менен коштолгондугунан кабар берет. Маселен, анын кол алдындагы молдолордун бири Сатынбай Абдыракман уулу Атаке бийге келген каттарды кантип окуп бергендигин мындайча эскерген: «Муслим Йагоферов (орус тун өкүлү – А. К.) келип, катты Атакенин колуна тапшырган убакта мен баатырдын үйүндө отургамын. Катты кабыл алган соң Атаке мага «оку!» деп буюрду. Мен катты окуп бүткөн соң баатыр өз атына жөнөтүлгөн белек-бечкекке ыраазычылыгын билдирди…».
Солтонун төбөлү Байтик Канай уулунун (1820–1886) кокондуктар менен араздашып, Нарындын түпкүрүнө журт которгон Үмөтаалы Ормон хан уулуна (XIX кылым) «сен таарынган сартты өлтүрдүм, эми келе бер» деп кат жазганы кыргыздар өз ара карым-катышта да молдонун кызматынан пайдалангандыгынан кабар берет.
XVIII–XIX кылымдарда кыргыздардын арасында кат аркылуу байланышуу маданиятынын кеңири тарагандыгынын дагы бир таасын белгиси – уруу төбөлдөрүнүн жапырт документтерди күбөлөндүрүүчү белги – мөөр күтүүгө умтулгандыгы. Ушул кезде Атаке бийдин (сарыбагыш), Шапак бий Алдаш уулунун (бугу), Олжобай бий Түлөберди уулунун (бугу), Шераалы бий Шапак уулунун (бугу), Жапалак бий Куттукожо уулунун (бугу) жана башкалардын мөөрлөрү түшүрүлгөн каттар сакталуу.
Эми, төмөндөгү каттардын маанисине токтололу. Албетте, бул каттарды В. Плоских, Д. Сапаралиев жана баш калар XIX кылымдын башындагы орус-кыргыз алакаларынын тарыхын изилдөөдө колдонушкан. Бирок түп нускаларды колдонуунун маанисин төмөндөтүүгө болбойт. Түп нускалар ири алды кыргыз уруу төбөлдөрүнүн чыныгы мүдөөлөрүн тактоого, орус-кыргыз алакаларын аныктоого катышкан тарыхый инсандардын чөйрөсүн аныктоого жардам берет. Маселен, орус бийликтери менен байланыш түзүүгө башында бугу кыргыздарынын үч уругу – белек, желдең жана арык тукуму тең даражада катышкан. Бирок, белектин бийлери орус менен биринчи карым-катышка киришкендигин (1814-жылкы элчиликти айтып жатышат) бетке кармашкандыгы көңүл буруучу маалымат.
1825-жылы оруска кат жазгандардын арасында Шапак бийдин инилери, Шералы бийдин уулдары менен катар Боромбай Бекмурат уулунун (XVIII к. экинчи жарымы – 1858-жыл) болгондугу тууралуу маалымат анын кийинки тышкы саясий ориентациясын изилдөөгө көмөк бере алат.
Ушул каттар орустун көңүлүн өзүнө оодарууда бугу кыргыздарынын көрүнөө эле ич ара атаандашкандыгын көрсөткөндүгү менен да кызык (Тобо, Кремлдин көзүнө илинип калууга умтулган азыркы кыргыз саясатчыларын эске салат). Белектин бийлери желдең менен арык тукумунан өзгөчөлөнүүгө умтулуп, ашыкча сый-урмат талашканы, чен сураганы алардын кийин соңунда уруу ичиндеги үстөмдүктү орното алышына шарт түзсө керек.
Анан албетте, бул каттар XIX кылымдын башындагы Ысык-Көл кыргыздарынын жазма маданиятынын жана адабий тилинин эстеликтери.
№ 1
Желдең уругунун бийлери – Омск облусттук начальниги С. М. Глазенапка
(1824-жыл, 6-декабрь)
Асыл насаблу, бек мансаблу Омбы калавсиде тургучи Семен Богданич!
Кара кыргыз бийлари жамьэ болуб, Йафалак Кутлу огли хэм Байтөлэ Манжи огли, Карга Мендагул огли, Шарук Тойби огли, Көккөз Койкэ огли, Байхожэ Телибила огли, Калы Жентемур огли, Оразай Бектемур огли – ушбу секиз бийдан эл-йуртумиз бирлан йелдан деган элдан салам арзи хатымыз!
Бурункы өткан йылларде Сизларден келген элчилар вэ хэм содакерлар бизларни үндаб эрди. Өзүнгиздин йибарган хатлар илан бизнинг эл-йуртумиз Сизлар бирлан аралашмаган себебли элчимизни йибаралмас эрдүк. Үч йыл өзүнгиздан келди – Кашкаргэ бара дурган содакерлер бирлан карван-баши Фезиаллэ Сефаллэ огли артендан йибарган хатингиз колугизгэ тигиб, аввал йылларде барургэ колумиз тикмади. Буйылкы йылы Али-султан Адил-султан оглининг төлангути Айсунбай Шукур огли бирлан Кашкаргэ барган карван-башы Фезиаллэ Сефаллэ огли хэм Фитр Андрич – ушбу үч кишининг далалети бирлан бизнинг эл-йуртумиз элчиликке баламызни йибариб, аввал бадешах хадратларининг мубарак йүзин көрүб, Фетурга алтгалтла… ингдан амир этүб йенэ арзу арзи буким, улуг бадшахден өтүнүб тилаймиз: бизнинг эл-йуртумизни алалаб Аксу, Кашкаргэ бара дурган карванларнингизни өткөзүб хызмат этсак, бизнинг күчүмүз йетмайдурган эл болсэ, зорлук кылган адамларни көргөзүб берсак, өзүнгиз дурсангыз, мархаматларингизден болур эрди. Анинг үчүн өз элимизни жавдасин аламыз. Бизнинг кыргыз йуртумизнинг – төремиз йок йуртдур. Бүтин йерэлларнинг тели-тентэгэ тилимизни алмайдур. Аввал улуг падешах хадратларининг амирине матьэ болуб бүтүн йерйуртлар тынч йатурлар. Биз хэм аввал улуг падешахден амир этамиз. Бизнинг йуртумуз ошондагы тынч тафыб, падешах хадратине табе болмакгэ йихтийар кылдук. Ушбу йазулганни бийларимиз Алымбек Йафалак огли, кашинде йолдашы Бекбо Айдназар огли бирлан ихтийар кылган себебли – ишенмак үчүн Йефалак – бий Кутлу оглининг мухурини бастуруб – йебердүк.
№ 2
Белек уругунун бийлери – Омск облустук начальниги
С.Б. Глазенапка
(1824-жыл, декабрь)
Асыл насаблу, бек мансаблу Омбы калавсиде тургучи Симен Богданичке, биз – Ысык-Көлде йүре дурган бугубелек эли Шералы огланлары Хажибай, Нуша, Мусэхожа, Качыбек, Йунус, Алгазыны элчи кылыб, төбанчилик бирлан салам арзы хатымыз!
Бултургы йылнынг ичинда йазган хатларингизни алыб хушвакт болдук. Анинг үчүн өзимизнинг салам хатымыз бирлан ирида Сизнинг эсенлигинизни билмаккэ … илтфат болуб, йол болсэ падешах хазратларининг мубарак йүзин көрүб, илтфатлар тутуб, бир тукан инимиз Алгазыны, кашындэ йолдашлери бирлан – Тохтэкул Чыныбай огли, Шербек Эсен оглини йибардүк. Бурунгы йыллардэ өзингиздин йибарган, Кашкаргэ бара дурган совдакерларни хэм узата барган корунжэ бирлан хат йазуб, падешах хазратларинэ таьбэ болмак хаккинде өзимиз инимиз Галжэбекни йибарүб эрдүк. Ол атасы башка инимиз эрди.
Эмди бул йылкы йылдэ Айсунбай Шукур огли бирлан карван-баши Сейфаллэ огли биргэ Фитр Андрич бизнинг элге совдагэ келиб эрди. Шуларден эшиттүк, ол улуг падешах хазратларинэ мутьэ болуб, казак йуртлари ичине шахарлар салунадур деган хабарларни. Эл-йуртумуз хушвакт болуб, бизнинг хем элларимиз ушундак тынчэ болур.
Сизларнинг йибарган хатларингизде бизнинг артэкли узаткан карванден алган мал хаккындэ йазган экансиз. Бүтүрүб бермаккэ бизнинг кыргыз йуртининг төреси йок йурт. Тилимизни алмайдур. Өзингизден алтфат болуб, черик йибариб, бизлар көргезиб берсак, т.н.б.ер (?) дурсангиз зийаде улуг алтфатден болур эрди. Вэ хэм бизларгэ карван узаткыли йолларимиз тынч болмакгэ себеб болур эрди.
Йенэ арзи будур: бизнинг элимизге Назар деген орус келиб эрди. (Жашы) элүвда. Бу йакдэн Айсунбай бирлан Фитр Андрич келиб, биз хэм… аны бизнинг элимизге кошуб йибардүк. Кайчыбек, Хажабай … болсэ улуглардан тилаймиз – анинг канчэ күнахи болсэ өтказиб бариб.
Ушбу себебке ишанмак үчүн Шералы Шафак оглининг мухурини бастук.
№ 3
Белек уругунун бийлери – Батыш Сибирь администрациясына
(Түргөн, 1825-жыл, 4-август)
Минг секиз йүз йигирмэ беш йылы, авгус төртүнчи күни бу хатни бердүк. Кыргыз буги-белек элимиз Ала-Таг Ысык-Көл деган йерде йүргүчи элимиз бир йерга жыйлыб эдүк. Жениралининг йибарган хатыни корунжининг көзинчэ окудук, хушвакт болдук.
Орус йуртден, Семи билан Кызыл-Йарден жыка дурган савдагер болсэ, бизнинг үстүмизга калса, элимизга совда кылсэ, агер кайтар болсэ кайтарармыз. Шахарга йүрармын десэ Ак-Сув, Кашкар, Йаркендкэ йүра турган караван болсэ тосуб алыб, Орта Йүзга узатармыз. Улуг йурт ак падишахгэ кылган хызматымыз ушу бойунчэ – бийлагучи жанералининг колидан жыккан совдагарнинг малыден биз йурт хэч нерсэ алмаймыз. Бөтен йуртка талатмаймыз. Халымыз дурган йурт таласэ маьлум этамиз. Бу сөзнинг раслыгынэ мухур билан тамганы бастук.
Хажыбай Шералининг мухру (мөөр басылган).
Абу Алгасы Шералининг мухри (мөөр басылган).
Эшенхожэ Шафакнинг мухруни басты (мөөр басылган). Эсеннинг огли Шербек мухруни басты (мөөр басылган). Нише Шергалининг,
Шафакнинг иниси Тазабекнинг огли (мөөр басылган).
Мусехожэ Шергалининг
Бекмуратнинг огли Буранбай, Йунус Шергалининг
Худайменда Алдаш огли.
Нука Шафакнинг баласы.
Алибек Казак баласы.
Хачыбек Шералининг баласы падишахден кафитан чин, кылыч, медал алган. Качыбек шу сөзнинг хаклыгынэ (тамгамды салдым).
№ 4
Ажыбай бий Шералы уулу, Алгазы Шералы уулу –
П.М.Капцевичке
(Түргөн, 1825-жыл, 4-август)
Улуг йуртни бийлагүчи жаздали Фиту Микайлич Кобчка дуга салам!
Йибарган инимиз эсен келди. Башдагы жазидалининг тушундэ Хечэбек барыб эди. Барыб кылыч, медал, кафитан чен алуб келдүк эди. Йолды бусун да бизнинг эди.
Белекэ барган эки баланы, Алгазыны тенг кылыб, хэр ани ол экисиден илгарирак болор мекен деп эдүк. Бул йол Сизгэ ламаймыз.
Сизнинг йарыгынгизчэ Семиден жыкыб, кол төреси билан фолковник Шуввун Караталгачэ эсен келдүк. Караталдан жыкыб корунжи Нухлэ бизни сахат-саламат, йахши элимизгэ эсен-аман йеткүзди. Сизгэ барган Алгазы деган инимиз Сизгэ хат берган экен. Көб тилакимизэ тилаймин: шу хат бойунчэ йахши йарлыг келсэ, шу к.р.нини (?) буйруб йибарингиз. Көбден-көб разы болурмиз. Бизнинг хат басыб, мухур, тамгэ басыб, корунжининг колинэ тафшурдук. Сиз шунга этсангиз. Бизга келген Омдагы төра Зубирастенгэ биз көб разимиз.
Бу хатден калган Сизнинг хызматкерингиз көбдөн-көб разы, салам дуга:
Хажыбай Шергалининг (мөөрү),
Мен да көбдөн-көб салам дуга: Абу Алгазы Шергалининг (мөөрү).
Минг секиз йүз йигирмэ беш йылы, авгузнинг төртүнжи күни. Турган йери: Тирганинг Ала-Таг корганинг женгидагы.
№ 5
Шералы бийдин уулдары – С.Б.Броневскийге
(1825-жыл, 4-август) Улуг мансаблык, бек мартабэлиге ирак йерлерден сыгыныб, сыгыныб салам дуга Семен Богданижгэ!
Шерали баласиден Хажыбай, Нышэ, Мусхожэ, Хажебек, Йунус, Абулгазы – барымызден көбдөн-көб салам дуга.
Каждалыгэ көб сөз айтдук. Ушу сөзимизниг башында көбдөн-көб кулдук кыламыз.
Минг секиз йүз йикирмэ беш йылы, авгузнинг төртүнчи күнинде.
№ 6
Желдең уругунун бийлери – Батыш Сибирь администрациясына
(Жыргалаң, 1825-жыл, 5-август)
Минг секиз йүз йигирмэ бешинчи йылда, авгуснинг бешинчи күниде биз төбенда йаздук.
Буги желдан элининг кайсы маьлумдур бизга – эки Ала-Тавнинг арасуда, Ысык-Көлда йүрган – йибарүлмиш хатын улуг мартабалу Сибирнинг линий бойини бийлангүчи йанарал-кубернатур Петр Микайлийич Кабсевич хадратларининг кайсы желдан элининг бийлари жыйылуб окудук. Хэм зхийадэ англаб, хушвак олдук. Анинг үчүн хэр кайсымыз падишах хадратларининг хызматларинэ тайар болуб турамыз.
Кайсы аввал (аул?) улуг падишах хадратларининг савдагарлари хэр качан бизнинг йурткэ келүб кылуб кайтасалар, саламат узатуб салурмыз. Йаки Ак-Сув, Турпан, Кашкаргэ барэ турган болсэ узатуб салуб, кайтуб чыгушунда йанэ саламат узатуб, казак йуртунэ чыгаруб салемгэ кефил алдук.
Хэр качан падшах хадратининг хызметинэ күн илгари йер өбүб, тизе чөгүб, хызмет этмекка хем кишигэ талатмаскэ, өзүмүз хеч нерсэ алмаскэ деп, ушбу хаткэ хаммэ бийларнинг тамгаларуни салдуруб, уралусгинэ мен – Йапалак Кути баласы өз мухурумни басдум.
Бий Алымбек Йапалакнинг баласы өз мухурумни басдум.
Астаршина Бикбав Айтназар баласы өз мухурумни басдум.
Бий Байтөлө Манжу баласы тамгамни басдум.
Бий Самтыр Кутигожанинг баласы тамгамы басдум.
Бий Каргэ Мендагил баласы тамгамы салдум.
Мен – Йаныс бий Жумгалнинг баласы тамгамы салдум. № 7
Жапалак Куттукожо уулу, Алымбек Жапалак уулу жана старшина (ыстарчын) Бекбоо Айтназар уулу П.М.Капцевичке (Жыргалаң, 1825-жыл, 5-август)
Сизгэ – бүйүк мансаблу, асыл насаблу Семан Богданаич хадратларинэ йер өбүб, тизе чөгүб, көбдөн-көб дугай саламлар кыламыз.
Кайсыдур өзүнгизга йибарган элчиларумизни йахши сыйлаб, йанаралгэ йахши көргөзганунгизга зийада разы болдук. Кайсыдур карван узатуу, эл-йуртумизнинг йахшиларининг тамгаларуни басуб вэ хэм өзүмизнинг мухурумизни басуб, кайсы бирлан йибарүлмиш харунжэ Нухлуфнинг колигэ табшырдук. Кайсыдур хызматунгиздан йибарүлмиш Нухлуф бирлан лекур Зубрустан йахши элчи балаларумизни хурмет этүб, сыйлаб келган саламан йеткүрди. Эмди өзүнгиздан тилаймиз: шу келган төраларни мархаматунгиздан ташламай, йанаралгэ магкул кылуб көргөзүнгиз. Көб йылгэ эсенликларүнгизни тилаб, хат тутуб: мен – Йапалак Кутигожэ баласы, хем оглум – бий Алымбек, астаршинэ Бекбав көб-көб дугай салам. Өз мухурумизни басдук.
Минг йүз йигирми бешинчи йылда, августнинг бешинчи күнида, Ысык- Көлнинг башында, Жыргаланг деган сувнинг бойунда.
Белек уругунун бийлери бир тууган Шералиндер П.М.Капцевичке (Ак-Суу, 1827-жыл, 2-апрель)
Сиз афсилли маьриб Сибирийнинг йанарал-губернатори Бедур Микайлович Кобсевич хазратларунэ дугай салам!
Сиз афсилли йанарал хасратларуннан өтүнүб тилаймиз: кыргыз элининг бийи кабидан Кайчыбек Шергали огли, Ажыбай Шергали огли, Мусохожэ Шергали огли, Йунус Шергали огли – барымыз куллук уруб тилаймиз: Кайчыбекка Йабалакнинг оглинэ келган кылычдай алтунли кылыч, Ажыбайга медал, Мусэхожэга медал, Йунуска медал бадшах хазратларуннан тилаб йибарсангиз экан деп. Биз бу кыргыз йуртларунда ата-бабамизнинг самануннан бери калаадан келган карванни, Кашкардан келган карван, Ак-Сувдан келган карванни хэр тарабкэ йөнөлдүб, бадишах хасратларунэ хызмат кылуб турамыз йенэ бадешах хазратларунинг бейруган хызматлари болсэ тайармыз. Куватымыз йиткүнчэ кылургэ инанмак үчүн баримиз мухурумизни басдук. Абрилнинг экинжи күнүндө, 1827-йылындэ, Ак-Сув деган йерда.
Ж.АЛЫМБАЕВ
КЫРГЫЗТААНУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ОРУС ТАРЫХНААМАСЫНДА
( XVIII к. экинчи жарымы – XIX к. башы)
- Маселенин жаралуу, өнүгүү мезгили.
Кыргызтаануу маселесин – кыргыз элинин табигыйгеографиялык, тарыхый-этнографиялык, саясий-экономикалык, социалдык-маданий чөйрөсүн изилдөөгө арналган чыгыштаануу илиминин бир бөлүгү катары кароо керек. Кыргызтаануу маселеси орус тарыхнаамасында XVIII к. экинчи жарымынан тарта системалуу түрдө изилдене баштаган.
XVIII к. экинчи жарымы – XIX к. биринчи жарымы тарых билиминин илимге айлануу мезгили. Бул төмөнкү себептер менен түшүндүрүлөт, биринчиден, бул мезгилде тарыхты изилдөө борборлору, мекемелери ачылып, илимий багыттар калыптана баштаса, экинчиден, коомдук өнүгүү, мамлекет туурасында алгачкы илимий концепциялар жаралып, үчүнчүдөн, тарыхты изилдөө мамлекеттик иш катары каралып, анын өнүгүшүнө, кадрларды даярдоого мамлекет камкордук жасай баштайт. Демек, XVIII к. тарых илиминин өнүгүшү үчүн Россияда толук тарыхый өбөлгөлөр түзүлөт.
Россия мамлекетинин XVIII к. геосаясатынан улам орус тарыхнаамасында чыгыш элдеринин тарыхын изилдөө актуалдуу маселелердин бирине айланып, анын ичинде кыргызтаануу маселесине да чоң көңүл бурула баштайт.
XVIII к. экинчи жарымынан тарта XX к. башына чейинки мезгилде кыргызтаануу маселесин изилдөөгө багытталган орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн көптөгөн эмгектери жаралган. Каралып жаткан доордогу авторлордун эмгектерин шарттуу түрдө 3 мезгилге бөлүп кароого болот:
- мезгил. XVIII к. экинчи жарымынан XIX к. башына чейинки мезгил – кыргызтаануу маселесинин башаты, жаралуу доору. Россия империясынын чыгышка карай күчөгөн тышкы саясатынан улам, кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, билүү зарылдыгы келип чыккан. Бирок, кыргыздар туурасында максаттуу түрдөгү изилдөө болгон эмес. Маалыматтардын көпчүлүгү кыска, үзүндү формасында болуп, коңшулаш элдер жөнүндөгү маалыматтарды жазууда гана кыргыздар эскерилип кеткен. Бул мезгилде кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтогондор илимий экспедициялардын мүчөлөрү, падышанын атайын жиберген өкүлдөрү, Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунун кызматкерлери болушкан.
Тяньшандык кыргыздар туурасындагы маалыматтар, алгачкы ирет Ф.Беневени, И.Унковский, Ф.Ефремов, В.Н.Татищев, П.И.Рычков, И.Г.Андреева ж.б. күндөлүктөрүндө, запискаларында, кыргыздар жашаган аймак, алардын саясий түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтар калмак-орус, орус-казак мамилелерин сүрөттөгөн окуяларга байланыштуу эскерилип кеткен. Өзгөчө казак талааларында кызмат өтөгөн аскер адамдары, экспедиция мүчөлөрү кыргыздар жөнүндөгү маалыматты сурап билүү, соодагерлердин маалыматтары боюнча кагаз бетине түшүрүшкөн. Алсак, 1723-ж. Петр Iнин тапшырмасы менен Орто Азияга келген И.Унковский күндөлүгүндө кыргыздар туурасында: «кыргыздар (буруттар) өз алдынча жашаган эл, алар ЫсыкКөлдүн айланасында көчүп жүрүшөт, болжол менен 5000 түтүндөй, 3000ге жакын аскери бар» [1], – деп жазган.
Ал эми биринчи жолу расмий түрдө орус тарыхнаамасына кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар В.Н.Татищев жана П.И.Рычков тарабынан маалым болгон (кыргыздар туурасында буга чейин деле маалыматтар болгон, маселе маалыматтын жарыяланышы туурасында болуп жатат). П.И.Рычков кыргыздар туурасында мындай деп жазат: «Ташкент тоолорунун ары жагындагы Ходжент, Маргалаң, Наманган шаарларынын белинде күчтүү, кыргыз деген көп эл жашайт, алар Ала-Тоо деп аталган таштуу жана адам өтө алгыс тоолордо көчүп жүрүшөт, ошондуктан аларды ала-тоо кыргыздары деп аташат» [2]. Ушуга эле үндөш маанидеги маалыматты В.Н.Татищев да жазган. Чындыгында, В.Н.Татищев кыргыздар туурасындагы маалыматты өзүнүн кол алдында иштеген П.И.Рычков жана бухаралык билимдүү Ахун тарабынан алгандыгы маалым. Демек жогорудагы эки автор, биринчилерден болуп орус тарыхнаамасына кыргыздар туурасында маалыматты жарыялашкан.
Ал эми енисейлик кыргыздар туурасында болсо, Г.Ф.Миллер, И.Э.Фишер, И.Г.Георги ж. б. эмгектеринде эскерилет. Булардын эмгектеринен соң, алгачкы ирет орус тарыхнаамасында кыргыздардын келип чыгышы туурасындагы маселе тарыхнаамада талкуулана баштайт. Кийинчерээк аталган маселенин айланасында түрдүү көз караштар жаралып, кызуу талкуунун учугу уланып олтурган.
- мезгил. XIX к. башынан XX кылымдын 60-жж. чейинки мезгил. Кыргызтаануу маселелери системалуу изилдене баштап, изилдөө жолдору, маалымат берүү формасы кеңейе баштайт. Падышачылык ар кандай жолдор менен маалымат топтоого умтулат. Орус тарыхнаамасында кыргыз элинин этникалык тарыхын, этнографиясын, социалдык-экономикалык абалын чагылдырган эмгектер жарала баштаган. Ф.Назаров, Поспелов жана Бурнашев,
Н.И.Потанин, А.И.Левшин, Н.Я.Бичурин, П.А.Соловцев, Е.Тимковский ж.б. эмгектеринде Кокон хандыгынын ички саясий абалы, калкы, соода мамилелери, кыргыз-казак айырмачылыктары ж.б. маселелер чагылдырылган.
Кытайга саякат жасаган орус саякатчысы Е.Тимковскийдин эмгегинен XIX к. биринчи жарымындагы кыргыздардын коомдук-саясий түзүлүшү туурасындагы маалыматтарды алууга болот. Алсак, автордун пикири боюнча, кыргыздар Анжиян менен Кашгардын аралыгында жашап турушкан. Алар өздөрүнүн башчыларын бий деп аташат. Бийлерге 10–20 чейин, айрымдарына 20–30 чейинки улустар баш ийишет, кыргыздар бир канча урууларга бөлүнөт, ар бир уруунун өзүнүн бийи бар, бийлердин бийлиги мурас катары калып, алар бири-бирине баш ийишпейт [3] – деп жазган.
- мезгил. XIX к. 60-жж. – XX к. башына чейинки мезгил. Орус тарыхнаамасында кыргызтаануу маселесинин кеңейүү, өнүгүү жана кыргыз элинин тарыхын максаттуу изилдөө мезгили. Бул доордун мүнөздүү белгиси катары, айрым плюралисттик маанайдагы илимий көз караштарды пайда кылган көлөмдүү эмгектер жаралган. Колониялык бийлик системасынын орношу менен Түркстан крайынын элинин тарыхын гана эмес, элдин психологиясын, салтын, үрп-адатын, тилин, экономикасын, терең изилдөө муктаждыгы жаралган. Ушундан улам, орус тарыхнаамасында кыргызтаануу маселеси көп багытта изилдене башталат.
1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн баштап, региондо тарыхый изилдөөлөргө шарт түзүлүп, жаңы илимий, маданий мекемелер, коомдор түзүлгөн. Маселен, 1868-ж. А.П.Федченконун демилгеси менен Ташкент шаарында Орто Азия илимий коому уюштурулуп, табиятты сүйүүчүлөрдүн Түркстан бөлүмү түзүлөт. Жалпысынан крайда 15ке жакын илимий уюмдар иштеп турган.
Бул доордо кыргызтаануу маселеси бир канча багыттарда изилдене башталат: 1) кыргыз элинин коомдуксаясий, социалдык-экономикалык маселесин изилдөө. Аталган маселелер орус саякатчылары П.П.Семенов, Н.А.Северцов, Ч.Ч.Валиханов, А.Голубев, А.П.Федченко, Ф.Р.Остен-Сакен ж.б. күндөлүктөрүндө, эскерүүлөрүндө, очерктеринде кеңири чагылдырылат. Орус саякатчыларынын эмгектеринде тарыхый-географиялык, тарыхыйэтнографиялык, коомдук түзүлүш маселелери кеңири козголгон. Өзгөчө, XIX к. 40–50 жж. кыргыздардын коомдук-саясий турмушу, түндүк кыргыз урууларынын ичиндеги кагылышууларга күбө болгон саякатчылар, кеңири тарыхый материалдарды топтой алышкан.
- Кыргыздар жана Кокон хандыгынын тарыхына арналган эмгектер. Революцияга чейинки орус тарыхнаамасынын өкүлдөрү Кокон хандыгынын тарыхын изилдөөгө көптөгөн эмгектерди жараткан. Тарыхый эмгектердин көпчүлүгү орус чыгыштаануучуларга, аскер кызматкерлерине таандык. Алардын катарына В.Вельяминов-Зернов, Н.Ф.Петровский, А.Л.Кун, Н.Н.Пантусов, В.П.Наливкин, А.П.Хорошхин, Л.Соболев, Н.Энгелгард ж.б. эмгектерин кошууга болот. Бул эмгектердин негизги өзөгүн хандыктын саясий турмушу, отурукташкан калк менен көчмөн калктын ортосундагы саясий күрөш, бул күрөштөгү кыргыздардын ролу ж.б. саясий темадагы окуялар сүрөттөлөт.
Жогорудагы эмгектердин ичинен В.П.Наливкиндин эмгегин өзгөчө бөлүп кароого болот. Анын эмгеги Кокон хандыгынын саясий тарыхын толук чагылдырган эмгектердин бири болуп саналат. Анда хандыктын генеологиясы, түптөлүшү, өрчүшү, иллатийа менен сартиййанын ортосундагы саясий күрөш маселелери кеңири чагылдырылган. Айрым бир жетишпеген жактарына карабастан, бул эмгек ушул күнгө чейин өз баалуулугун жоготкон жок.
- Кыргызстандын Россияга каратылыш маселесин чагылдырган эмгектер. Орус аскер-чыгыштаануучулары М.А.Терентьев, А.И.Макшеев, К.Абаза, А.Г.Серебренников, П.И.Павлов, Д.И.Романовский ж.б. Түркестан аймагын (анын ичинде Кыргызстанды) каратуу процессин толук чагылдырган, көлөмү, мазмуну жагынан өзгөчөлөнгөн атайын эмгектерди жаратышкан. Жогорудагы авторлордун эмгектеринде, Россия империясынын Орто Азияны каратып алуу процесси толук хронологиялык таризде сүрөттөлөт. Аталган авторлор, расмий тарыхнаамадагы үстөмдүк кылган Россия державасы артта калган Орто Азия элдери үчүн «цивилизациялык миссияны» аткарган деген концепцияны жактоочулар. Алардын пикири боюнча, Түркестан аймагын падышачылыктын курамында мажбурлап кармоо, «кылымдардан бери келе жаткан артта калуучулукту жоюп, «европалык цивилизацияга» жакындатып, «тарыхый өнүгүүнүн туу чокусуна» жеткирет, – деген колониялык саясаттын идеологиясын жакташкан. Албетте, бул концепция колониялык бийликтин түпкү максаты Түркестан элдерин «орусташтыруу», империянын курамына кошуу идеясын ишке ашыруу үчүн болгон аракет экендигин турмуш чындыгы көрсөттү.
Ошол эле мезгилде, айрым авторлор колониялык саясаттын айрым терс көрүнүштөрүн сындап да жазышкан. Алсак, расмий-монархиялык багытта жазылган М.А.Терентьев «История завоевания Средней Азии» (Т.1-3.- СПб.,1905) аттуу көп томдуу эмгегинин «Русские приобретатели земель», «Меры против спекуляции землей», «Падение авторитета власти» аттуу главаларында генерал-губернатордон тартып, уезддик начальниктерге чейин өкүм сүргөн орус администрациясынын бюрократиялык көрүнүшүнө анализ берген. Автор көптөгөн архивдик материалдардын негизинде орус чиновниктеринин аша чапкандык, зордук-зомбулук, жергиликтүү элдин жерлерин күч менен тартып алуу, бийлик чөйрөсүндөгү коррупция туурасындагы көптөгөн фактыларды келтирет.
- Кыргыз элинин тарыхый-этнографиялык, маданий турмушун чагылдырган эмгектерге орус чыгыштаануучулары, аскер-чыгыштаануучулар М.Венюков, В.В.Радлов, Н.А.Аристов, А.Н.Краснов, В.В. Бартольд, Н.Л.Зеланд, Г.Загряжский ж.б. көлөмдүү эмгектерин, маңыздуу макалаларын, очерктерин кошууга болот. Кыргыздардын уруулук түзүлүшү, үрп-адаты, салты, элдик оюндары, музыкасы изилдөөнүн негизги объектиси болгон.
- Колониялык доордогу административдик, көчүрүп келүү, жер, салык, саясат маселелерине арналган эмгектер. Аталган маселелер аскер губернаторлорунун, уезддик начальниктердин рапортторунда, отчетторунда, крайлык администрациянын канцеляриясында кызмат өтөгөн чиновниктердин, Түркестан крайын ревизия кылган падыша төбөлдөрүнүн эмгектеринде чагылдырылган. Алардын катарына К.К.Пален, К.П.Кауфман, Ф.Гирс, Г.Загряжский, Н.Д.Южаков, Н.И.Гродеков, О.А.Шкапский ж.б. кошууга болот. Аталган авторлор Түркстан крайлык администрациясында ар кандай кызматтарды аркалашып, колониялык саясаттын түпкү максатын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү эл менен түздөн-түз мамиледе болушкан. Административдик башкаруу системасын орнотуудан мурун, ал элдин тарыхын, башкаруу традициясын билүүгө мажбур болушкан.
- Орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн персоналдык курамы жана илимий даярдыгы.
Орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектерине, көз караштарына тарыхнаамалык анализ берүүдө авторлордун билим деңгээли, адистик курамы, даярдыгы, социалдык тегин аныктоо маанилүү деп ойлойбуз. Чыгышка карай умтулуу чыгыштаануучу адистерди даярдоону талап кылган. XIX к. биринчи жарымынан тарта, Россияда аскер жана граждандык окуу жайлары негизделе баштаган.
а) Аскер-чыгыштаануучуларды даярдоо мекемелери. Аскер адамдарын даярдоо үчүн XIX к. биринчи жарымында, бир катар окуу жайлар ачылат. Алсак, Тышкы иштер министрлигинин алдында, Азия департаментинде (1820-ж.) чыгыш тилдер бөлүмү ачылып, келечектеги аскер-чыгыштаануучулар даярдала баштаган. Азия департаментинин уюштурулушу менен Орто Азияга көптөгөн илимий экспедициялар жөнөтүлгөн. 1815-ж. Россиянын аскердик жогорку башкаруу органы болгон Башкы генералдык штабы түзүлөт. 1824-ж. Александр Iнин буйругу менен Оренбург шаарында Неклюев аскер-окуу жайы, 1832-ж. болсо, Императордук аскер академиясы түзүлөт. Биринчи кезекте, аскер Академиясы Генералдык штабга кызмат кылуучу офицерлерди даярдаган.
б) Граждандык окуу жайлар. XIX к. биринчи жарымында Россиянын бир катар университеттеринде чыгыштаануу бөлүмдөрү, факультеттери ачылып иштей баштаган. Маселен, Россиядагы эң алгачкы чыгыштаануу мекемеси болуп, Илимдер академиясынын алдында 1818-ж. ачылган Азия музейи болгон. Музейге чыгыш элдерине таандык болгон кол жазмалар, ар кандай тарыхый маалыматтар топтолгон. Ал эми Казань, Петербург университеттери чыгыштаануу адистерин даярдоочу борборго айланып, бул окуу жайларда перс, түрк, татар тилдери окутула баштаган.
Орто Азия элдеринин тарыхын изилдөөгө чоң салым кошкон мекеменин бири – 1845-ж. түзүлгөн Орус географиялык коому (РГО). Санкт-Петербург шаарында Николай Iнин буйругу менен түзүлгөн РГО өзүнүн 50 жылдык тарыхында, көптөгөн бөлүмдөрү иштеп, экспедицияларды уюштуруп, өз органдарында тынымсыз илимий макалалар басылып турган. Жогорудагы илимий мекемелер чыгыштаануу илиминин өнүгүшүнө, анын ичинде кыргызтаануу маселесинин изилденишине түздөн-түз өбөлгө түзгөн.
Демек, революцияга чейинки доордогу орус тарыхнаамасында орус-ортоазия мамилелеринин саясий-экономикалык кызыкчылыгынын күчөшүнөн улам кыргызтаануу маселеси илимий объектилердин бирине айланган.
- соода-экономикалык, дипломатиялык байланыштардын арбышы менен кыргыздар туурасындагы тарыхый маалыматтардын булагы топтолуп олтурган.
- аскердик-экспансиялык жана колониялык саясаттын күчөшү менен катар, орус тарыхнаамасында чыгыштаануу маселесин изилдеген жаңы адистердин тобу жаралган.
- кыргызтаануу маселелерин изилдеген орус тарыхнаамасынын XVIII–XX к. башындагы өкүлдөрүн алардын эмгектеринин социалдык багыты, мазмуну, авторлордун көз карашы бонча төмөнкү топторго бөлүүгө болот:
- чыгыштаануучу-изилдөөчүлөр: алардын катарына Ф. Миллер, И. Фишер, Н.Я.Бичурин, В.В.Радлов, В.Н.Татищев, В.В. Бартольд, Н.А. Аристов, В.Вельяминов-Зернов, А.Кун, В.В.Наливкин ж.б. Булардын көпчүлүгү чыгыштаануучу-этнограф, тарыхчы-географ, чыгыштаануучу-археолог деген адистиктеги билимге ээ болгондор. Социалдык теги боюнча ар кайсы социалдык топтун өкүлдөрү.
Албетте, булар белгилүү бир социалдык тапшырманы аткарышып, падышага кызмат кылышкан, аскер-чыгыштаануучулардан айырмаланып, социалдык-экономикалык, этнографиялык проблемаларды чагылдырышкан, илимий багыттагы эмгектерди жазышкан. Тарыхый окуяларга илимий анализ берип, тарыхый булактарды колдонууга аракет жасашкан. Алсак, В.Наливкин жергиликтүү элдин тилин билгенине байланыштуу, эмгегин жазууда мусулман булактарына кайрылган. Ал эми В.ВельяминовЗернов болсо, Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бирок Оренбург шаарында кызмат өтөгөндүктөн, Кокон хандыгына байланышкан көлөмдүү очерктерди жазууда соодагерлер, окуяга түздөн-түз катышкан адамдардан маалымат топтоп, архивдик материалдарды колдонуп, бир канча эмгектерди жараткан.
- аскер-чыгыштаануучулар: М.А.Терентьев, А.Г.Серебренников, Л.Ф.Костенко, М.И.Венюков, А.И.Брянов,
Н.П.Корытов, А.Н.Куропаткин, А.И.Макшеев, К.П.Кауфман, Г.А.Колпаковский, Л.Ф.Костенко, Д. Романовский ж.б. Аталган авторлор Түркстан аймагынын топографиясын, картографиялык түзүлүшүн, согуштук процесстердин жүрүшүн, хронологиясын, материалдык-техникалык базаны жана адам ресурстарын изилдөөнү максат кылып коюшкан. Демек, алардын эмгектери аскер темасына гана багытталган. Аскер-чыгыштаануучулар социалдык теги боюнча, дворяндардын чөйрөсүнөн чыккан. Окумуштуу Е.С.Сыздыкованын пикири боюнча, «орус офицерлеринин дээрлик көпчүлүгүнүн ата-теги дворяндар болушкан» [4]. Тарыхый кырдаалга байланыштуу, аскер-чыгыштаануучулар аскердик иш менен бирге илимпоздук, чыгармачылык ишти бирдей алып барышкан.
- орус саякатчылары: Ч.Валиханов, П.П.Семенов,
А.В. Каульбарс, И.В.Мушкетов, А.П.Федченко, А.Голубев, Н.А.Северцов ж.б.аскер-чыгыштаануучулардан айырмаланып, тарыхый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, коомдук-саясий маселелерди чагылдырышкан. Алар кайсы кесиптин өкүлдөрү, көбүнчө табигый, гуманитардык билим алышкандар. Социалдык теги боюнча орус коомчулугунун ар кайсы катмарынан чыгышкан.
- колониялык администрациянын чиновниктери: К.П. Кауфман, Н. Южаков, А.Н.Гродеков, Г.Загряжский, А.Г.Гейнс, И.К.Пален, Ф. Гирс, А.Н. Куропаткин, А.И. Брянов ж.б. 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн кийин, крайга кызмат өтөө үчүн бир топ аскер адамдары жиберилген. Алардын аскердик билими болгондугуна карабастан, баары эле согуштук иштерге катышкан эмес. Алар түздөн-түз крайда колониялык бийлик жүргүзгөн падышанын адамдары. Ар кайсы кызматтарды ээлешип, жергиликтүү элдин турмушунан түрдүү материалдарды жыйноого үлгүрүшкөн. Изилдөө объектиси согуштук темалар болбостон, саясий-экономикалык, администрациялык маселелер болгон. Крайдагы колониялык бийликтин орношуна түздөн-түз кызмат кылышкан.
- Кыргызтаануу маселелерин чагылдырган эмгектердин түрлөрү жана басылмалар.
Каралып жаткан доордогу кыргыз элинин тарыхы орус тарыхнаамасында көлөмү, мазмуну, баяндоо ыкмасы боюнча ар кандай формада, жанрда изилденип жазылган. Алардын катарына: күндөлүктөр, запискалар, отчеттор, справкалар, билдирүүлөр, мемуарлар, статистикалык, аскердик-топографиялык материалдар, макалалар, очерктер, атайын басылган эмгектерди кошууга болот. Ал материалдар көлөмү, мазмуну жагынан, баяндоо ыкмасы боюнча бири-биринен айырмаланат. Эмгектердин дээрлик көпчүлүгү өз мезгилинде жарыяланган, айрым материалдар архивдерде сакталууда.
Революцияга чейинки авторлордун эмгектери жарыяланган басылмаларга төмөнкүлөрдү кошууга болот: 1) Орус географиялык коомунун органдары: «Записки РГО», «Известия РГО», «Вестник РГО», « Известия императорского РГО»; 2) Мезгилдүү басма сөз органдары: а) борбордук басма сөз органдары: «Русский Вестник», «Вестник Европы», «Военный сборник», «Современник», «Русский инвалид», «Голос», «Биржевые ведомости», «Голос» ж.б; б) жергиликтүү басма сөз органдары: «Туркестанские ведомости», «Туркестанская туземная газета» ж.б.; 3) Атайын басылган жыйнактар: «Туркестанский сборник». Собрание сочинений о Туркестанском крае вообще и сопредельных с ним стран Средней Азии. – Т.Т. 1–591. – Ташкент, 1868–1940; «Материалы для статистики Туркестанского края». Ежегодник. Вып.1-5. – СПб. 1872–1879; «Русский Туркестан. Сборник изданий по поводу политехнической выставки». – Вып. 1-3. – М. 1872. ж.б.; 4) Өз алдынча басылган эмгектер. Революцияга чейинки өз алдынча басылган эмгектердин басымдуу көпчүлүгү Санкт-Петербург, Москва, Ташкент шаарларынан басылып чыккан.
- Орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектеринин мааниси.
Революцияга чейинки авторлордун эмгектери объек тивдүү тарыхнааманын өнүгүшүн чагылдыруу менен кыргыз элинин тарыхын сүрөттөгөн негизги тарыхый эмгектер болуп саналат. Ошондуктан, революцияга чейинки орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектерин эки аспектте кароого болот: биринчиден, XVIII–XIX кк. тарыхый процесстерди чагылдырган негизги булак, экинчиден, каралып жаткан доордо жазылып, тарыхый өнүгүүгө сереп жүргүзгөн булактык-тарыхнаамалык эмгектер катары. Анткени, орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү (өзгөчө саякатчылар, аскер-чыгыштаануучулар) окуянын түздөн-түз катышуучулары болуу менен бирге, реалдуу болгон тарыхый фактыларды чагылдырышкан. Окуяны сүрөттөөдө көптөгөн тарыхый фактылар (күнү, мезгили, окуяга катышкан персоналдар, географиялык маалыматтар, статистикалык салыштырмалуулуктар ж.б.) маалыматтар топтолгон.
- «Туркестанский сборник» («Туркстан жыйнагы»), жана «Туркестанские ведомости» газетасы тууралуу.
Булакнаамалык жана тарыхнаамалык мааниси жагынан алып караганда колониялык доордогу басылмалардын ичинен, кыргыз элинин тарыхын чагылдырган эң маанилүү, басылма-жыйнактын катарына «Түркстан жыйнагы» жана «Туркестанские ведомости» газетасын кошуу абзел. Аталган эки басылма-жыйнактын кыскача жаралуу тарыхына кайрылып көрөлү.
Кезегинде колониялык администрация саясий-экономикалык максаттардан улам жергиликтүү элдин тарыхын изилдөөгө кызыккан. Түркстан крайын 14 жыл башкарган, теги немец, биринчи Түркстан генерал-губернатору К.П.Кауфман 1868-ж. белгилүү библиограф В.И.Межовго кайрылып, Түркстан крайы жөнүндө басылмаларга жарыяланган материалдарды топтоо жана аларды системага келтирүү боюнча тапшырма берет. Генерал-губернатордун тапшырмасы менен, В.И.Межов Орто Азиянын тарыхын чагылдырган көп томдуу жыйнак түзүүгө киришкен. Ал 1868-жылдан тартып, К.П. Кауфмандын тапшырмасын аткаруунун үстүндө иштей баштаган. И.Межов Түркстан крайы боюнча жарыяланган эмгектерди сюжети, тематикасы боюнча хронологиялык тартипте топтоп, материалдарды кесип, кыркып алуу жолу менен жаңы кагаз беттерине жабыштырып басмага даярдай баштаган. Айрым көлөмдүү эмгектер томдуктун жарым көлөмүн ээлеген. Бул жыйнактын негизги тарыхый булактары болуп, борбордук жана жергиликтүү газета-журналдар, өз алдынча жарык көргөн эмгектер болуп саналган.
И.Межовдун 20 жылдык эмгегинин натыйжасында, 1888-жылы 416 томду даярдоого жетишкен. Бул жыйнак коомчулукта «Межовдун жыйнагы» же болбосо «Түркстан жыйнагы» (толук аталышы «Туркестанский сборник». Собрание сочинений о Түркстанском крае вообще и сопредельных с ним стран Средней Азии) деген ат менен жарык көрө баштаган.
«Түркстан жыйнагы» генерал-губернаторлор К.П.Кауфман, М.Г.Черняев, Н.О.Розенбах, Н.И.Гродеков, П.И. Мищенко жана А.Б.Самсоновдун кызмат кылган мезгилинде жыйналып жарык көргөн. Бирок, Н.О.Розенбахтын (1884–1888) тушунда каражаттын жоктугунан «Түркстан жыйнагын» чыгаруу иши убактылуу токтотулган.
Ал эми К.П.Кауфмандан соң, генерал-губернаторлук кызматка дайындалган М.Г.Черняевдин (1882–1884) мезгилинде бул иш улантылганы менен М.Г.Черняев өзүнүн илимге болгон мамилеси, өзгөчө К.П.Кауфман тарабынан жасалган алдыңкы иштерге тескери мамиле жасаган. Бул туурасында өз мезгилинде генерал-губернаторлуктун канцеляриясында көп жыл бою кызмат өтөгөн кызматкер Г.П.Федоров мындайча эскерет: «М.Г.Черняевдин К.П.Кауфман менен жекече байланышы, тааныштыгы болбогондугуна карабастан, ал жасаган иштердин көбүнө каршы тура баштаган. Анын ар бир сөзүнөн, буйругунан К.П. Кауфманга болгон кастык сезимин байкоого болор эле. Билбейм, анын канчалык деңгээлде аскердик таланты Түркстанда жана Сербияда даңаза болгондугун, бирок анын эч кандай администрациялык талантынын жок экендиги талашсыз эле» [5]. Ошол эле Г.П.Федоровдун эскерүүсү боюнча, М.Г.Черняев убактысынын көпчүлүгүн санаалаштары менен чогуу өткөрүп, үйүнөн алыс чыкпай ичкилик ичүү менен гана алек болгон. Демек, И.Г.Черняев крайдын келечеги тууралуу камкордук көрүү мындай турсун, айрым К.П.Кауфман тарабынан жасалган алгылыктуу иштерди кыйратуу жолуна өткөн. Маселен, Ташкент шаарында Кауфмандын демилгеси менен 500 миңдей китептери бар ар кайсы тармакты камтыган элдик китепкана түзүлгөн болчу. Көзүнө суук көрүнгөн китепкананы М.Г.Черняев ревизиялоого буйрук берет. Буйрук аткарылып, генерал-губернаторго китепканада Майн Риддин «Черная собака» жана «Желтая Пантерасынан» башка китеп окулбайт экен деген маанидеги маалымат берилет. Бул окуядан соң, М.Г.Черняев «китептерди тез арада казармаларга жана госпиталдарга таркаткыла» деген буйругун чыгарат»[6]. М.Г.Черняев тарабынан жасалган вандализмдин натыйжасында, бир жуманын ичинде элдик китепкана бош калган. Бирок, көп өтпөй жаңы дайындалган генерал-губернатор Н.О.Розенбахтын буйругу менен китептер кайра кайтарылат, бирок 100 томдой китеп жок болуп кеткен.
«Түркстан жыйнагынын» үстүнөн иштөө 1907-жылдан кайрадан улантыла баштаган. Жыйнак боюнча түзүлгөн «Систематикалык көрсөтмөдө» белгилегендей, бул ишке алгачкы мезгилде Орто Азияны терең билишкен окумуштуу-чыгыштаануучулар А.А.Диваев, Н.Ю.Бонч-Осмоловский, А.А.Семенов, библиограф И.И.Гейерлер активдүү катышышкан [7]. Натыйжада, 1907–1909-жылдары 127 том жарык көргөн. 1910–1916-жылдардан баштап бул иштин үстүндө А.А.Семенов иштеп, ал 48 томду даярдаган. Ошентип, көп жылдык эмгектин натыйжасында, 591 томдон турган Орто Азия тарыхы боюнча баа жеткис, өз ичине 3000ден ашык макала, атайын эмгектерди камтыган сейрек кездешүүчү тарыхый жыйнак жаралган.
«Түркстан жыйнагын» Кыргызстандын тарыхы боюнча ири көлөмдөгү тарыхый маалыматтарды өз ичине камтыган баалуу тарыхый булак катары кароо керек. Анткени, бул жыйнакта Кыргызстандын жана кыргыздардын байыркы, орто жана жаңы доордогу социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, руханий-маданий, диний жана табигый ресурстарын чагылдырган, табигый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, археологиялык, нумизматикалык, географиялык, статистикалык ж.б. көптөгөн материалдар топтолгон.
«Түркстан жыйнагына» турмуштук позициясы, саясий көз карашы, профессионалдык билим деңгээли боюнча айырмаланган авторлордун эмгектери берилген. Албетте, биз жогоруда белгилегендей «Түркстан жыйнагына» негизинен орус тилинде жарык көргөн газета-журналдарга жарыяланган эмгектер топтолгон. Авторлордун дээрлик көпчүлүгү расмий курсту гана жакташып, империялык заказды аткарышкан. Падышачылык Россияда бул мезгилде цензура күчөп, массалык маалымат беттерине жарыяланган макалалар катуу көзөмөлгө алынган.
Бирок, «Түркстан жыйнагында» империялык талаптарга багытталган эмгектер чогулганына карабастан, ал эмгектер маанилүү тарыхнаамалык булак болуп саналат. Анткени, авторлордун көпчүлүгү ошол доордо жашап, тарыхый окуялардын түздөн-түз күбөлөрү болушкандар. Экинчиден, ар бир эмгекте маанилүү тарыхый-этнографиялык, статистикалык, картографиялык ж.б. маалыматтар кеңири чагылдырылган.
Колониялык доордогу булакнаамалык чоң мааниси бар басылмалардын дагы бир катарына «Түркестанские ведомости» газетасын кошууга болот. Газета 1870-жылдан тартып Ташкент шаарында жарык көрө баштаган. Согуш министри генерал-адъютант Милютиндин докладына таянсак, газета императордун буйругу боюнча генерал-губернатордун басма органы катары жарык көрө баштаган. Ага башкы редакторлук кылуу маселеси генерал-губернатордун карамагында болуп, ага баш ийип, анын түздөн-түз көрсөтмөсү алдында иштеген адам болууга тийиш болгон [8]. Архивдик материалдар тастыктап тургандай, газетанын алдына төмөнкүдөй максаттар коюлган: «Түркстан крайына таандык болгон өкмөттүк жана административдик көрсөтмөлөрдү, буйруктарды жарыялап, крайды ар тараптан изилдөөгө көмөк көрсөтүү үчүн Түркстанга таандык болгон маанилүү илимий макалаларды жарыялоо» [9]. Демек, газета колониялык бийликтин идеологиясын жактаган расмий орган болгон. «Россиянын ички турмушуна тиешелүү болгон саясий жана социалдык маселелер Түркстан крайынын кызыкчылыгына төп келсе гана жарыяланган» [10], – деп белгиленет булактарда. Полемикалык, жекече талаш маселелер жарыяланган эмес.
Газетанын алгачкы редактору болуп, 1869–1892-жж. 23 жыл бою белгилүү этнограф, аскер-чыгыштаануучу Н.А.Маев (1835–1896) иштеген. Газета жарык көргөн күндөн тарта 1907-ж. чейин крайдын тарыхы , этнографиясы, географиясы, экономикасын чагылдырган кызыктуу илимий материалдар жарык көргөн. Газета бетине белгилүү чыгыштаануучулар, саякатчылар Н.А.Северцов, А.П.Федченко, И.В.Мушкетов, В.Ф.Ошанин, Н.Н.Пантусов ж.б. материалдары үзгүлтүксүз жарык көрүп турган.
Ал эми 1907–1909-жж. газета расмий буйруктарды, рекламаларды, телеграммаларды гана жарыялаган окурмандардан алыстаган тажатма басылмага айланган. Бирок, 1909-жылдан баштап газета өзүнүн форматын, маани-маңызын өзгөртүп, кайрадан жандана баштаган. Газета өкүм сүргөн 1870-ж. 28-апрелинен 1917-ж. 15-декабрына чейинки мезгилде 6406 номерин чыгарган. Бул аралыкта газета беттерине кыргызтаануу маселелеринин ар кайсы аспекттерин чагылдырган тарыхый булакнаамалык маанидеги кызыктуу материалдар жарык көргөн.
Алардын катарына кыргыздардын этнографиясына арналган Г.Загряжскийдин «Заметки о народном самоуправлении у кара-киргизов» , «Киргизские очерки: аш или тризна по умершим», «Кара-киргизы», «Быт кочевого населения долин рек Чу и Сыр-Дарьи», «Русские поселки в Токмакском и Иссык-Кульском уездах», «Очерки Токмакского уезда» [11], Алибай деген псевдоним ат менен жазган И.Андреевдин «Алангасар и Алп», «Из долины Сусамыра», «Ирчи», «Кара-киргизские побасенки», «Манап и букара», «На северном рубеже Ферганы», «По верховью Таласа», (описание Гумбеза Манаса, Киргизские любовные песни об охоте), «Киргизские игрища», «Кызыл-кулак», «Туйгун», «Кара-киргизские съезды» ж.б. [12] деген кызыктуу макалаларын кошууга болот.
Газетанын активдүү корреспонденттеринин бири В.П.Наливкин болгон. Ал отставкага чыккандан кийин, азыркы Аксы районунун борбору Каравандан 15–20 км алыстыкта жайгашкан Наманган уездине караштуу Наанай кыштагында жашап, жергиликтүү балдарды окутуп, кыргыз менен өзбек элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган этнографиялык кызыктуу материалдарды жарыялаган. Алсак, «Очерки земледелия в Наманганском уезде», «Киргизы Наманганского уезда» [13].
«Туркестанские ведомости» газетасы колониялык бийликтин кызыкчылыгын чагылдырган расмий орган болгонуна карабастан, газета беттерине булакнаамалык мааниси жогору болгон материалдар жарык көргөн.
- Жетишпеген жактары. XVIII–XIX кк. тарыхый билим жаңы гана илимге айланып, орус тарыхнаамасындагы чыгыштаануу багытынын жаралуу, түптөнүү мезгили эле. Илимий методология калыптана элек болчу. Буга кошумча, орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү өзүнүн адистиктери боюнча тарыхчы болушкан эмес. Алар өзүнүн негизги кесибин (аскердик, саякатчылык, чиновниктик) тарыхый зарылдыкка ылайык, изилдөө иштери менен айкалыштырышкан. Орус авторлорунун эмгектеринде бири-бирин кайталаган фактылар көп кездешүү менен окуяга анализ берүү, баа берүү ыкмалары жокко эсе. Демек, бул булактарды илимий чөйрөдө колдонууда тарыхый салыштырмалуулук ыкмасын колдонуу менен ар бир булактын ички жана сырткы сынын баалап, анын аныктыгын, шексиздигин тактоо зарыл
- Актуалдуу маселелер. Учурдагы кыргыз тарыхнаамасынын актуалдуу маселелери катары, кыргызтаануу маселелерин терең изилдөө, талаш маселелерди тактоо, жаңы тарыхый булактарды илимий айлампага киргизүү сыяктуу милдеттер эсептелет. Тарых илими тарыхый булактардын негизинде гана изилдениши керек, бул илимдин талабы. Бирок, өзгөчө эгемендүүлүктүн доорунда тарых илими тарыхты «сүйүүчүлөрдүн» кирип-чыгуучу жайына айланып, «мифологиялык» көз караштагы «илимий концепциялар» жаралып, ал көз караштар калың элдин катмарына сүңгүп бара жаткандай. Тарых илимине тарыхый сын жетишпей турат, архивди казып, профессор К.Табалдиевдей талаадан таап изилдеген тарыхчылардын катары саналуу. Тескерисинче, оңойго турган Интернет материалдарын көчүрүп илим жасагандардын саны арбууда. Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларынын китепканаларындагы, архивдериндеги материалдарды колдонуу сейрек болуп калды.
Кыргызтаануу маселелерин тереңдетип изилдөө үчүн тарыхнаамалык, булакнаамалык мааниси чоң «Түркестанские ведомости» газетасын жана «Түркстан жыйнагындагы» материалдарды изилдөө учурдун талабы. Бирок, аталган эки маанилүү тарыхый булакты, бардык эле изилдөөчүлөр колдоно алышпайт. Анткени, бул материалдар бүгүнкү күндө Ташкент шаарында Өзбекстан мамлекеттик А.Навои атындагы китепкананын сейрек кездешүүчү бөлүмүндө сакталып турат. Тарых изилдөөчү лөрдүн калың катмарына жеткирүү үчүн, алардын түп нускасынын электрондук вариантын Кыргызстанга сатып алып келүү мезгилдин актуалдуу маселеси деп ойлойбуз.
Колдонулган адабияттар:
- Унковский И. Посольство к Зюнгарскому хун-тайчжи Цэван-Рабтану, капитана от артиллерии Ивана Унковского и путевой журнал его за 1722–1724 годы // Записки РГО по отд. этногр. Т.10, вып.2. – СПб., 1887. – С.187.
- Рычков П.И. Топография Оренбургская, то есть описание Оренбургской губернии, сочиненное коллежским советником и императорской Академии наук корреспондентом Петром Рычковым. Ч. I–II. – СПб., 1762 . – С.133.; Татищев В.Н. История Российская с самых древнейших времен. Кн.1, Ч.1- 2. – М., 1768. – С. 283.
- Тимковский Е. Путешествие в Китай через Монголию в 1820 и 1821 годах – Ч.1. – СПб., 1824. – С.255.
- Сыздыкова Е.С. Российские военные и Казахстан: Вопросы социально-политической и экономической истории Казахстана XVIII–XIX вв. в трудах офицеров генерального штаба России. – М., 2005. – С.110.
- Федоров Г.П. Моя служба в Түркстанском крае// Исторический Вестник-1913, октябрь, – С.439.
- Федоров Г.П. Моя служба в Түркстанском крае// Исторический Вестник-1913, октябрь, – С.440.
- Межов В.И. «Туркестанский сборник». Систематический указатель и
- ЦГА РУ, ф.и-1, оп.8, д.385.
- ЦГА РУ, ф.и.-1, оп.8, д.385.
- ЦГА РУ, ф.и.-1, оп.8, д.385.
- Туркестанские ведомости. – 1871.-№2; 1873. -№1, 9, 10; 1874. – №11, 25, 27, 32, 41, 42.
- Туркестанские ведомости. – 1903. -№12,39,51, 72, 73, 98, 99, 1001; 1894. – №60, 61; 1904. -№22, 35, 38, 84, 186,; 1905. – №13.
- Туркестанские ведомости. -1903. -№12,39, 51, 58,72, 73. 98, 99, 101; 1894. – №60; 1904. – №6,22,35, 186; 1905. – №13.
- Алымбаев Ж.Б. Общественно-политическая жизнь кыргызов в русской историографии второй половины XVIII – начала XX вв. – Бишкек, 2009.
Р.ЖОЛДОШОВ
БАЛБАЙ БААТЫРДЫН ТУУЛГАН ЖЫЛЫНА ТАКТОО
Кийинки мезгилдерде кыргыз тарыхында аты калган белгилүү инсандарга кайрылуу, аларды даңазалоо күч алууда. Мындай учурда, алар жөнүндө тарыхый чыныгы фактылар эске алынбай, көпчүлүк маалда ар кандай имиштерге же болбосо ойдон чыгарылган кыялдарга таянуу менен, белгилүү инсандарды мифке айландыруу процесси кеңири кулач жаюуда. Тарыхта жашап өткөн инсандарга мындай мамиле жасоо, кечирилгис күнөө экендиги кыргыздын «соңку мезгилдеги изилдөөчүлөрүнүн» капарына да кирбей тургандыгын күбөлөйт. Чындыгында, тарыхый инсандардын ишмердүүлүктөрү канчалык так болсо, алардын жомокко айланбай, тарыхта калуусу ошончолук узак болот. Кыргыз инсандарынын такталбаган маалыматтарынын катарына, Балбай Эшкожо уулу 1792-жылы туулган деген пикир да кирет. Бул пикир 1992-жылы Балбай баатырдын 200 жылдык маарекеси өткөрүлгөндүгү менен келип чыккан. Тойду уюштуруучулар кандай документке же тарыхый булакка таянышып, 200 жылдык маареке өткөрүшкөндүктөрү белгисиз. Бирок, Балбайдын 1792-жылы туулган деген пикир, эч кандай фактыга негизделинбеген, чындыктан алыс турат. Ошондуктан, бул датаны тактап коюуну ылайык көрдүк.
Балбай Эшкожо уулу баланчанчы жылы туулган деп так көрсөтүп турган документ жок жана анын ишмердүүлүгү атайылап изилденилбегендиктен туулган жылы такталбаган. Ошондуктан, ар кыл тарыхый макалаларда, анын туулган жылы ар кандай мезгилдерде көрсөтүлүп жүрөт. Мисалы, 1990-жылы чыккан «Кыргыз тарыхы» кыскача энциклопедиялык сөздүктө Балбайдын туулганөлгөн жылдары көрсөтүлбөйт, 1997-жылы жарык көргөн «Ысык-Көл облусунун энциклопедиясында» 1797-жыл деп көрсөтүлсө, У. Асымбеков жана А. Беделбаев жазган «Балбай баатыр баяны» деген макалада, ал 1991–93-жылдардын аралыгында туулгандыгы божомолдонот. «ЫсыкКөл» облусунун энциклопедиясындагы 1797-жыл деген маалымат (ЫОЭ-Б., – 1997, 441-б.) кыязы, 1792-жыл деп маареке-той аркалуу белгиленген датанын китепте «2», «7» болуп ката басылып калгандыгынан пайда болгон окшойт. Балбай тууралуу жазышкан авторлор У.Асымбеков менен А. Беделбаев «Балбай 1791–93-жылдардын аралыгында туулушу мүмкүн» дешкен пикирлерин Б. Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» эмгегиндеги «Балбайдын арманы» жөнүндөгү ырдын үзүндү сүндөгү «Алтымыш үч жашымда Ормонду сойдум жашында…» деген ыр саптарындагы маалыматты негиз кылып алгандыктарын көрсөтүшөт. («Балбай баатыр баяны», Кыргызстандын тарыхы боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана программалык материалдар. – Б., 1994. – 110-б.). Мында, Ормон-хан өлгөн 1855-жылдан 63 жылды кемитсе, көрсөтүлгөн мезгил келип чыгат. Балбайды 1792-жылы туулган деп маареке-тойду уюштуруучулар дагы Б. Солтоноевдин так ушул маалыматына бекем таянышкандыктары байкалат. Чындыгында бул маалымат Б. Солтоноевдин кол жазмасындагы тамгалардан кеткен механикалык каталыктан жаралган. Андагы «жашында» деген сөз «жашымда»(«н» менен «м» тамгасы), «башында»–«жашында» («б» менен «ж» тамгасы) болуп ката жазылып калган. Бул жерде 63 жашта Балбай эмес, а Ормон-хан болгондугу айтылат. Б.Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхында» үзүндү келтирген так ушул «Балбайдын арманы» деген элдик ырдын толук вариантын өз колу менен 1923-жылы, «Балбай» деген кол жазмасында жазып калтырган (УИА., КЖФ, инв. №464/1864). Ал ырда:
«Алтымыш үч жашында
Ормонду сойдум башында…»
деп Ормон-хан 63 жашында өлгөндүгү, ал эми ошол кезде Балбай өзү 42 де болгондугу:
«Аттанып Ормон келгенде
Кырк экиде жашымда
Ормонду сойдум ошондо…» деп айтылат. Мындан көрүнүп тургандай, Ормон-хан өлгөн 1855-жылы Балбай 42де болсо, анда ал 1813-жылы туулган болот.
Ката жазылган сап менен алганда Балбай Ормондон бир топ улуу болуп, аны 63 жаш аксакал курагында жарадар кылса, а Ормон-хан кырчындай жаш кезинде курман болгон деген түшүнүк жаралып калган. Санжырадагы тарыхый билдирүүлөрдө анын тескерисинче, Балбай Ормон-хандан алда канча кичүү болгондугу маалымдалат. С. Орозбак уулу жана андан угуп үйрөнгөн Ы. Абдрахмановдун маалыматтарында 1846-жылы жайындагы кыргыздардын Кененсарынын казактары менен болгон алгачкы согуштан кийин, Ормон-хан кыргыз башкаруучуларын Ысык-Көлгө чогултуп, казактар менен кандай мамиле түзүү жана согуш болуп калса ага даяр туруу маселелери боюнча жыйын кылат. Ал жыйынга кыргыз бий, баатырларынын ичинен эң алгачкыларынан болуп, черик уруусунун бийи Ажыбек баатыр, анан Балбай баатыр келишет. Ошондо алардын чечкиндүүлүгүнө суктанган Ормон-хан: «Ажыбек агам, Балбай балам болсочу», – деп тамшанган экен («Казак-кыргыз окуясы». УИА, КЖФ. – инв.№12/205). Мында Ажыбек Ормондон бир аз улуу болсо, Балбай анын баласы курактуу кичүү болгондугу ачык айтылып жатат. Балбайдын Ормондон кичүү болгондугу жөнүндөгү фактылар санжырада арбын жолугат. Алардын бирине Ормон-хандын Балбайды кичүү катары «тентек», «чунак» деген эпитеттер менен атап кайрылгандыгын көрсөтсөк болот. Ал эми Ормон-хан 63 жашында каза болгондугу элдик санжыраларда өтө бекем сакталып келген. Мисалы: 1932-жылы араб тамгасында жазылган Насирдин Бөөмбай уулунун санжырасында: «Ормон-хан 63 жашында киши колдуу болуп өлгөн», – деп берилет (УИА. КЖФ.-инв.№808. – 79–80-б). Муну Б.Солтоноевдин Ормон-хан 63 жашында каза болгон деген кол жазмасы да толуктап турушу, анын тарыхый чындыктан алынгандыгын күбөлөшөт. Тарыхый даректерде Ормон-хан 1855-жылдын жазында каза болгондугу белгилүү. Жогоруда айтылгандай Б. Солтоноевдин Ормон-хан өлгөндө Балбайдын 42 жашта болгон деген маалыматынан улам, Балбайдын туулган жылы 1813-жыл деп көрсөтсөк болот. Бирок, тарыхый даректерде Балбайдын жаш курагын көрсөткөн мындан башка дагы кабарлар кездешеби деген маселеге токтололу.
Балбайдын жаш курагы анын өзүнүн орус бийликтерине жазган каттарынын биринде маалымдалат. Кат токой тайпасынын (уругунун) бийлөөчүсү Балбай Эшкожо уулунан пристав Колпаковскийге жөнөтүлүп, андагы кабар 1862-жылы Качыбек Шераалы уулу өлгөндөн кийин, бугу уруусундагы Шапак менен Меңмурат тукумдарынын башкы манаптыкты талашып жаткандыгына байланыштуу жазылган. Каттын мазмунунда Балбай башкы манаптыкка талапкер Меңмурат тукумунун өкүлү Сарыпбек Сасыке уулун жамандап, бийликти Шапак тукумдарына берүүсүн суранган өтүнүчү баяндалат. Каттагы: «… Сиз урматтууга өтүнүп калдым. Белектин он уулунун аксакалы Качыбек болсо, мен анын кенжеси элем. Качыбекти кандай көрсөңүз мени да ошондой көрүңүз…», – деген Балбайдын сөзүнөн, ал Качыбек Шераалы уулунан кичүү болгондугун так билебиз (ЦГА Каз.ССР, оп.1, д.516, л.17–17-об.). Катта жазылган Белектин он уулу деген сөз, бугунун ичиндеги белек уругундагы он ата жөнүндө болуп жатат. Ал эми архивдик документтердин негизинде Качыбектин качан туулгандыгын тактоого болот. Батыш Сибирдин генералгубернатору Г. Х. Гасфорддун тышкы иштер министрлигинин башкаруучусу Л. Г. Сенявинге жазган бугу уруусу жөнүндөгү билдирүүсүндө, Качыбек Шераалы уулу алгач 14 жашында Омбу шаарына келген элчилердин бири болгондугу, ал мурунку корпус командири генерал Глазнеп тарабынан капитан чини жана Аннендик тасмадагы алтын медаль менен сыйлангандыгы тууралуу баяндалат (АВПРИ.Ф.-СПб., глав. архив. 1–7, оп.6, 1854, д.1,л.52–56-об.) Бул элчилик 1813–14-жылдардын аралыгында Ысык-Көл кылаасына уюштурулган орус бийликтеринин миссиясында (А.П.Бубеновдун келиши) болуп өткөн («Внешняя политика России XIX и начала XX веков»; Документы Росс. МИД.-серия 1, т. VII, – М., 1970. – 584–585с.). Эгерде Качыбек Шераалы уулу 1814-жылы Омбу шаарына барганда 14 жашта болсо, анда ал 1800-жылы туулган болот. Балбайдын өзүнүн Качыбектен кичүү болгондугун билгизгендиги, демек, Балбай Эшкожо уулу 1800-жылдан кийинки мезгилде (т.а. XIX к. башында) туулгандыгын тактап турат.
Көрсөтүлгөн документтердин негизинде Балбайдын XIX кылымдын башы чендерде (1800-ж. башында) туулгандыгын тактагандан кийин, анын так туулган жылын иликтөөгө жооп берүүчү маалыматтар, жогоруда көрсөтүлгөндөй элдик санжыраларда гана кездешет. Эл оозунан Балбай жөнүндөгү көптөгөн аңыз-уламыштарды алгачкы жыйноочулар чогултуп башташкан. Алардын катарына 1921-жылы К.Байжан уулунан К.Мифтаков, 1923-жылы Б. Солтоноев, 1925-жылы Ж. Сарык уулунан О. Мамыркан уулу, 1927-жылы А. Бокобай уулунан К.Карасаев ж.б. жазып калтырган кол жазмаларды атасак болот.
Алардын айрымдарында, мисалы Жакшылык Сарык уулунун айтуусунда Балбай 1812-жылы Ысык-Көлдө туулган («Балбай. Түрлүү ырлар». – УИА. – КЖФ., инв.№33). Белек Солтоноев да дал ушул «1812-жылы Балбай туулганда ак челге оролуп түшкөн» деп жазып, анын 1855-жылы 42 жашта болгондугу жөнүндөгү, жогоруда эскерилген элдик ырды кагаз бетине түшүргөн («Балбай». – УИА. – КЖФ, инв.№464/1864. – 5-б.). Элдик оозеки маалыматтардагы Балбай Эшкожо уулун XIX кылымдын баш чендеринде туулгандыгын көрсөткөн фактылардын архивдик документтер менен туура келиши, санжыралык 1812–1813-жылдар чындыкка жакын деген тыянакка алып келет. Ал эми маареке-той менен белгиленген 1792жыл таптакыр негизсиз экендигин Балбайдын өзү жазган катындагы маалымат ачык далилдейт. Бул тойдун өткөрүлүшү менен Балбай 20 жаштын тегерегинде улгайтылып калгандыгы байкалат. Ошондуктан, тарыхый даректердеги кабарларга таянып, Балбай Эшкожо уулун, болжолу, 1813-жылы туулуп, ал 1867-жылы сентябрь айында 54 жаш курагында каза болгондугун тастыктайбыз.