КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
8-ТОМ
Тарыхый булактар
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Томдукта кыргыз элинин тарыхында өзүлөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанымал болгон инсандардын, ошондой эле көрүнүктүү кыргыз акындарынын чыгармачылыгын жана өмүр жолун чагылдырган материалдар топтоштурулду. Бул материалдар кыргыз тарыхындагы инсандардын ээлеген орду жана ролу тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
ЭЛ БАШЧЫЛАРЫ
КЫРГЫЗДАР КОЛДОНУЛУП КЕЛГЕН МАНСАП ЖАНА БИЙЛИК ДАРАЖАЛАРЫ
Кытай расмий тарыхнаамасынын эң алгачкы эстелиги, Кытайдагы тарых атасы Сыма-Цзяндын б.з.ч. 99-жылы жазып бүтүргөн «Ши-Цзи» – «Тарых жазмалары» эмгегинде б.з.ч. 201-жылы хундар түндүктөгү «гэгунь», «гяньгунь» («цзяньгунь») деп аталган кыргыз падышалыгын каратып алгандыгы көрсөтүлгөн. В.Бартольд биринчилерден болуп гяньгундардын байырлаган аймагын Түндүк Батыш Монголиядагы Кыргыз-нур көлүнүн чет жакаларына жайгаштырган. Байыркы кыргыздардын Ата Журту жөнүндө жаңы маалыматтарды археолог Ю.С.Худяков сунуш кылып, алардын алгачкы жайгашкан жерлери Енисей эмес, Монголиянын түндүк-батышында жана чыгыш Түркстандын түштүгүндө орун алгандыгын белгилеген. Ушул маселелерге жаңы тактооолорду Л.А.Боровкова киргизди жана кытай булактарын талдоонун негизинде байыркы кыргыздар – гяньгундар б.з.ч. 1 миң жылдыктын аягында Усундардын чыгыш аймактарынын түндүк тарабы, Боро-Хоро кырка тоолорунун түндүк жана Дзосотын Элисун чөлүнүн батыш аймактарын жердегендиги тууралуу кошумча тактоолорду киргизди.
Аталган аймактарды байырлаган байыркы кыргыз падышачылыгынын саясий мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө кабарлар азырынча бизге белгисиз. Күч-кубаттуу хундардын башчысы Модэ Шаньюйдун кыргыз ээлигин баш ийдириши, Борбордук Азияда алардын белгилүү өлчөмдө саясий орду жана өз алдынчалыгы болгондугун толук ырастайт. Б.з. VI кылымынан тартып, өзүлөрүнүн Ата Журтунан кыйла алысыраак түндүктө жайгашкан Енисей аймагында кыргыздардын өз алдынча мамлекет куруунун жаңы этабы башталат. Мамлекетти жаңыча башкаруу жана бийлик системаларынын калыптанышына мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Тан сулалесинин (Тан-шу) учурундагы тарыхый маалыматтардан кыргыз башкаруучусу жөнүндө биринчи маалыматты табабыз. Тан-шудагы маалыматтарда кыргыздардын башында «Ажо» деп аталган титул менен жеке бийликтүү аким тургандыгы айтылат. Ажо титулу кыргыздардан башка Түштүк Сибирдеги бир дагы ээликке таандык болгон эмес. Бирок бул титул даражасы боюнча ошол учурдагы түрк башкаруучулары алып жүргөн каган титулунан төмөн турган. Аймактагы саясий үстөмдүктү кармап турган түрктөргө таандык каган титулу кийинчерээк башка мамлекеттердин саясий абалына жараша кабыл алынган. Ошого карабастан Енисей кыргыздарынын эрте мамлекеттик түзүлүшүнүн калыптанышында ажонун бийлиги олуттуу саясий мааниге ээ болгон. XVIII кылымдагы орус документтеринде енисейлик кыргыздарда аталган терминдин сакталып калгандыгын ырастай турган бир нече кишинин ысымы көрсөтүлгөн. Мисалы, Батиажо деген адамдын атынын экинчи бөлүгү титулду түшүндүргөн жана ал адам аттарына жалгашуу менен сакталып калган.
581-жылы биринчи түрк каганаты кыйрагандан кийин кыргыздар кайрадан өз алдынчалыкка ээ болуп, бирок 629-жылы сейянто уруусу башында турган Телес каганатына көз каранды болуп калган. Телес каганы Енисейдеги кыргыздарга өзүнүн жогорку көзөмөлдөөчү гелифасын дайындаган. Кытай жазмасында берилген бул титул түркчө элтебер даражасын туюндурган жана кагандан төмөнкү бийлик баскычы болгон. Саясий жагынан өз алдынча болбогон чакан элдердин акимине берилүүчү бул титулду кыргыз башчысы да алып жүргөн.
Бирок саясий негиздери түптөлүп калган кыргыз мамлекетинин башчысынын кол алдында мамлекеттик иштердин бардык тармагына көзөмөл жүргүзгөн Гйеси Бей, Гюйшабо Бей жана Ами Бей деп аталган үч министри эскерилет. Кыязы, сейянтолордун кыргыздарга болгон үстөмдүгү көпкө созулбаса керек.
VII кылымдын орто чендеринде кыргыздар Тан империясы менен саясий дипломатиялык алакаларды түзө баштайт. Тан императору Тхай-Цзундун сарайына Кыргыз ээлигинин падышасы Элтебер Шибокюй Ачжань келет. Император кыргыз башчысын улуу даражалуу мейман катары кабыл алып Цзян-Кунь областынын (кыргыз областынын) генерал-губернатору наамын ыйгарган. Үстүртөдөн болсо да империянын вассалдыгын тааныган кыргыз өлкөсүнүн башкаруучулары кытай губернаторлору катары эсептелип, чиндерди алып турушкан жана алардын өз алдынчалыгы мурдагыдай эле сакталып калган.
682-жылы Чыгыш Түрк каганаты калыбына келтирилген жана аларга каршы бириккен күчтөрдүн коалициясы түзүлгөн. Анын курамына кирген кыргыздар дагы Борбордук Азиядагы үстөмдүк үчүн күрөшкө активдүү катыша баштаган. Түрк башкаруучулары кыргыздардын башчысы Барсбектин каган титулун кабыл алышын тааныганга аргасыз болгон жана мурунку Кутлуг кагандын кызын аялдыкка беришкен. Ынанчу Алп Билге деген ат менен Барсбек такка олтуруп, өзүнчө мамлекеттик ишти жүргүзөт. Кыргыз башкаруучуларынын ичинен Барсбектин кагандык даражага жетиши түрктөрдүн өзүлөрүнө тең ата мамлекеттин түзүлгөндүгүн ырастаган. Натыйжада, түрктөргө саясий жактан каршы турган кыргыздарга сокку уруу, түрк кагандарынын кара ниет максаты болуп калган. 711-жылы Билге каган, Күлтегин жана түрк аскер башчысы Тон-ёкук Саян тоолорун ашып түшүп, Барсбек кагандын ордосуна кокусунан кол салышкан. Теңдешсиз салгылашууда кыргыздар жеңилип, Барсбек курман болгон.
Кыргыздардын мындан кийинки монгол дооруна чейинки тарыхында башкаруучу төбөлдөрү каган титулун сактап келишкен. Арада Уйгур каганаты менен болгон согуштарда жана аларга көз каранды учурларда (758–820) кыргыз башкаруучулары ажо титулун алып жүрүшкөн. 840-жылы кыргыздар Уйгур каганатын кыйраткандан кийин кагандык бийлик кайрадан калыбына келтирилип, улуу мамлекеттик доору башталган.
Кыргыздардын улуу мамлекеттүүлүгүнүн мезгилиндеги башкаруучулар жөнүндө Тан-шуда бир аз маалыматтар сакталып калган. Анда уйгурларды жеңип чыккан кыргыз ханы 847-жылы эле, тактап айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы өлгөн. Хандын эң жакын ордун басуучусунун ысымы жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки кыргыз хандары жөнүндө башка эч кандай маалыматтар айтылбаган. Тан-шудагы ушул кабардын толук котормосу бизде жок болгондуктан, кыргыз башкаруучулары каган титулун кайсыл мезгилге чейин алып жүрүшкөндүгү белгисиз. Кыязы, ушул мезгилге таандык маалыматты X кылымдын автору Абу Дулаф келтирет жана кыргыздардын падышасы тууралуу сөз кылып, анын үстүнө жашы кыркт ан өткөн адам гана олтура алат деп эскерет.
1207-жылы Чыңгыс хан кыргыздардын баш ийип берүүсүн талап кылып, элчилерин жөнөткөн. Бул убакта кыргыздардын башында инал титулун алып жүргөн башкаруучу турган. Рашид ад-диндин маалыматтары боюнча кыргыздардын башкаруучу эки иналы Еди-инал жана Урус-инал баш ийүүгө макул болуп, Чыңгыз ханга кат жөнөтүшкөн жана куш тартуулашкан. Инал титулу каган титулунан төмөн турган. Кыргыздар бул мезгилде саясий күч-кубатынан тайып, азыркы Енисей аймагында өз алдынча «Кыргыз» жана «Кэм-Кемжиут» деген эки областты түзүп турушкан.
- кылымдын экинчи жарымы жана XVI кылымдын башталышында, башкаруу жана бийлик системасын калыптандырган дуалдык негиздеги (экилтик кош бирикме) уюмдашуу түзүлүшү, кыргыздардын саясий өз алдынчалыгын аныктап Ала-Тоо аймагында көчмөн мамлекеттин пайдубалын түптөөгө жетишкен. Мамлекеттеги башкаруу жана бийлик түзүлүшү, уруу-уруктун баскычтардан турган патриархалдык принциптерге негизделип, оң канат жана сол канат уюмдары көчмөн мамлекеттин саясий жана социалдык структурасын туюндурган. Алардын ички түзүлүшү, мурдатан келе жаткан салт туу жол-жоболорго ылайыкталып, ар бир урук белгилүү бир уруунун курамына кирүү менен саясий-административдик бөлүгүн түзгөн. Уруу өзүнүн айланасына жалаң эле туугандык-генеалогиялык жакындыктары боюнча эмес, саясий негизде дагы башка уруктарды топтой алган. Оң канаттан жана сол канаттан турган уруулардын конфедерациялык мүнөздөгү мамлекеттик түзүлүшүнүн башкы саясий белгилери бийлер институтуна негизделген бийлик жана башкаруу системасы, санжырада орун алган туруктуу-идеологиясы, ошондой эле конфедерациянын тутумундагы уруулук өз алдынчалык жана жетиштүү өлчөмдөгү жер, жайыт чектерине ээлик кылуудан улам башталган. Бирок уруулук өз алдынчалык патриархалдык талаптардын чегинде гана жүрүп, саясий жактан алар жалпы бийликти кармап турган «чоң бийдин» башкаруусуна моюн сунушкан. Чоң бий конфедерациядагы жалпы саясий башкарууну колго алып, көчүп конууга байланышкан чарбалык маселелерди жөнгө салуу менен учуру келгенде аскердик жетекчилик милдетти дагы аткарган.
- кылымдын аягынан XVII кылымдын 30-жылдарына чейинки мезгилдердеги кыргыздардын тарыхында эл башкарган эки чоң бий – Манаптын жана Көкүмдүн ысымдары эскерилет. Бул тууралуу Б.Солтоноев XVII кылымдын 30-жылдарында Түндүк Кыргызстанда Манап аттуу эл башкарган инсан жашап өткөндүгүн сөз кылат. Авторд ун маалыматы боюнча, казак-кыргыз ханы эңчер бойлуу Эр Эшим калмак менен жоолашканда арка кыргызынын аскер башчыларынын бири Манап, Иле боюндагы согушта болжолу 1630–35-жылдар чамасында өлгөн. Эшим хандын калмактар менен акыркы согуштары 1625-жылдары болуп өткөндүгүн айрым тарыхый булактар ырастайт. Анын замандашы Махмуд ибн Валинин жазганы боюнча, ал 1628-жылы өз ажалынан өлгөн. Б.Солтоноев келтирген тарыхый окуялар дагы ушул мезгилге байланышкан жана Манап ал окуяда негизги каармандын бири болгон.
Манаптын доорунда уруулук бирикмелердеги салттуу башкаруу уюмун бийлер институту түзгөн. Бийлер институтунун башкаруу тутумуна, бирикмедеги уруулук бутактар толугу менен камтылып, салт боюнча алардын башында жогорку бийликти кармаган чоң бий турган.
Ошол эле автордун айтымында, Көкүм кыргыздан чыккан биринчи феодал-төбөл саналып, кыязы жалпы уруулук бирикмелердин үстүнөн көз салып караган чоң бийдин милдетин аткарган. Көкүм бийдин карамагына Аксы, Талас, Кетмен-Төбө аймактарындагы кыргыздар кирген. Манап башкарган Борбордук тянь-шандык жана Ысык-Көл – Чүй кыргыздарына Көкүмдүн бийлиги кыйыр таасир эткен. Анын ысмы коңшу ээликтерге жана мамлекеттерге да таанымал болгон. Көкүм бий ошол учурдагы казактардын башкаруучусу Эшим хандын эң жакын санаалашы жана союздашы катары белгилүү. Катагандардын султаны Турсун ханга жана калмактарга каршы күрөштө Көкүм бий Эшим ханды колдоп, жеңишке алып келген. Ал учурда эки элдин ынтымагынын урматына Ташкенге мунара курулуп, «Көкүмдүн көк күмбөзү» деп аталган эстелик тургузулган. Көкүм Эшим хандын атынан Ташкендин алты капкасын башкарып турган. Санжырачы Алымбеков Тургумбек Көкүм бийди, казактын баатыры Чанычкулу Кара Байтик бийлик талашып өлтүргөн деген маалыматты келтирет жана анын сөөгү Үмөт Молдонун белгилегени боюнча Ташкендеги Шейхан таур көрүстөнүнө коюлган.
Бийлер институтунун иерархиясында түндүк кыргыз уруул арын башкарган Манап тийиштүү өлчөмдөгү чоң бийликти кармап турган. «Каратоко, Манап ар үй башына бир жылкы, ала бергин санабай» деген сөз Манаптын, элди былк эттирбей башкарып келгендигин ырастайт, – деп жазат Ы.Абдрахманов. Манаптан кийин бийлик анын тукумдарына өткөн. Бийликтин мурасталышы патриархалдык-көчмөндүк принциптерге ылайык, бир аталык негизде Манаптын уулу Сүтөйгө, андан кийин Сарсейитке тийген. Сарсейит бийдин карыган чагында бийликте турган уулу Үчүке баатыр, иниси Түлкү менен нойгут кыргызынан чыккан Жаңыл мырзаны алабыз деп барып, бөөдө өлүмгө учурашкан. Эки баатыр каза болгондон кий ин, алардын иниси Кудаян жаш болгондуктан Манаптын тууганы Жантайдын тукумунан карасакал Калматай бийликти убактылуу алган. Б.Солтоноев белгилегендей ушул мезгилде, арка кыргызына Көкүм бийдин тукумунан хан Тейиш бийлик жүргүзгөн. Хан Тейиштин учурунда кыргыз-казак ынтымагы кайрадан калыбына келтирилген. Эшим хандын небереси Тауке Жаңгир уулу менен Тейиштин мамлекет башкаруу ишинде бири-бирине пикирлеш инсандардан болгондугу айтылат.
Калмактардын ири чабуулу башталардан мурда 1670-жылдардын башталышында арка кыргыздары Сарсейиттин балдарынын кичүүсү Кудаянды хан көтөрүшкөн. Элдик уламыштарга караганда Кудаян төрөлгөндө кочушуна кан уучтап түшкөн. Бул көрүнүш жоромол катары тий иштүү өлчөмдө Кудаян хандын бийлигинин идеология лык негизин бекемдөөгө багытталган. Кудаяндын тушунда түндүк кыргыз уруулары калмактардын кысымынан жапырт Фергананы карай сүрүлгөн. Бул окуя 1697-жылга чейин болуп өткөн. Ферганага барган кыргыз урууларын баш коштурууда Үчүкенин уулу Мааматкул бий жана Талкандын уулу Кошой башкы ролду ойношкон. Аталган эки инсан Ферганадагы кыргыздарды Кетмен-Төбөгө чогултуп, калмак баскынчылыгына каршы күрөшүүдө жетекчиликти колго алышкан. Орус булактарында Мааматкул бий 1732-жылы эле Кетмен-Төбөдөгү кыргыздарды башкарып тургандыгы айтылган. Кыязы, ошол мезгилдеги уруулук конфедерациянын башында турган Мааматкул бийдин баштапкы ордосу Кетментөбөдө жайгашкан. 1756-жылы эл азыркы турган жерлерине кайтып келгенде, Ысык-Көлдөн Мааматкул бийге жолуккан кытай чабармандары, анын «жогорку башкаруучу» даражасындагы шайлануучу ханга тете бийликти кармап тургандыгын белгилешкен. Демек, ошол учурдагы кыргыз коомундагы башкаруучу бийликтин негизи, башынан эле укумдан-тукумга өтүп келгенин ыраст айт. Мааматкул бийдин уулдары Темирдин жана Болоттун ишмердүүлүгү кыргыздардын Ферганада жүргөн учуруна туш келген. Мисалы, Темир Намангандын улугуна Кеминдин Желаргысындагы калмак Коңтаажынын күлүк атын алып келип бергендиги үчүн сарбагыш элин жыйып, Кетмен-Төбөгө көчүп келгендиги айтылат. Темирдин уулу Черикчи бий 1758-жылы Мааматкул бий жөнөткөн элчиликти Кытай императоруна жетектеп барган жана Каркыра, Кеген, Ысык-Көл аймактарынын кыргыздарга таандык эзелки конуштары экендигин бекемдеп келген. Ал кытай бийликтери тарабынан үчүнчү баскычтагы мартабалуу бийлик даражасынын белгиси асыл ташты жана павлин кушунун канатын алгандыгы айтылат. Ошол эле маалыматтарда Черикчи 1785-жылы өлгөн.
Уруулук конфедерациядагы бийликке мындан кийин Эсенгул баатыр келген. Санжырачы жана тарыхчы Бөөм баев Насирдиндин кол жазмасында Эсенгул элди 1760–1770-жылдарда башкарган. Бирок Эсенгулдун учурунда бийликке тең ата болуп Тынайдан Атаке баатыр чыккан. Мындай жагдай эки башкаруучунун ортосундагы мамиленин бузулушуна алып келген. Балким, бул окуя Атакенин Орусия менен саясий алакаларды түзүү аракетине да түрткү берген. 1789-жылы Абылай хандын алдына барган кыргыз элчилери Эсенгулдун атынан келгендиктерин жана улуу сөз андан тарап, жалпы оң-сол баш иерин билдиришкен. Демек, XVIII кылымдын 70–80-жылдарында бийликтин башында турган башкаруучу чоң бий Эсенгул баа тыр болгон.
Кыргыздардын бул мезгилдеги саясий уюмдашуусу чакан үлгүдөгү көчмөн мамлекеттик түзүлүштү элестеткен. Укуктук пайдубалы патриархалдык уруулук заңмыйзамдарга негизделген мындай түзүлүштүн шартында, бийликти борбордоштуруу мүмкүн эмес эле. Кейпи ага караганда уруулардын генеалогиял ык жалпылыктарына негизделген башкаруу ыкмасы саясий жана идеологиялык жактан өзүн актаган. Ушундай шартта мамлекеттин са ясий негизин түзгөн ар бир уруунун башкаруучу бийлеринен сырткары жалпы бирикменин башында турган «жогорку башкаруучу» («верховный правитель») чоң бий шайланып, төмөн турган уруулук бийлер ага номиналдуу баш ийишк ен. Көчмөндөрдүн патриархалдык-уруулук мыйзамдарына негизделген бийлик таламдары саясийчарбалык жана аскердик-коргонуу маселелерин чечүү мүмкүнчү лүгүнө ээ болгон. Башкарууну ишке ашырууда мындай жагдай жеке бийликке жол берген эмес. Белгиленген функ циялар бийлик аркылуу жүзөгө ашырылып, ар кандай олуттуу маселелерди чече келгенде, жогорку башкаруу чу саналган чоң бийге акыл салышкан, калган учурларда уруулардын өз алдынчалыгына жол берилген. Мисалы, кытай булактарында кыргыздардагы ээлик кылуучулар бий деп аталат. Бийлер ондон-жыйырмага чей ин, айрымдары отузга чукул айылд арды ээлешкен. Бийлердин жерлери жана кол алдында баш ийгендери болгон. Алардын баары бир катарда турган жана бири-бирине көз каранды болгон эмес. Качан бий өлгөндө анын ордуна уулун же бир тууганын дайындашкан. Башкалардын буга укугу жок деп айтылган.
Кытай булактары кыргыз коомундагы бийликтин реалдуу өкүм сүргөнүн жазган. Жыл сайын деп айтылат ошол булактарда алар жалпы башкарууну колго алган жана ага бардыгы баш ийген бир башчыны (булакта «чжан» деп айтылган) шайлашат. Башчылыкка шайлангандын ысмы Мааматкул деп айтылган. А.Бернштамдын пикиринде, кытай булагында көрсөтүлгөн башкаруучу титулу ошол мезгилдеги кыргыздардын башында турган шайлануучу ханды эске салган. 1897-жылы жазылган Деркембай уулу Момункул сактап жүргөн санжырада, кыргыз улуту Мааматкулду башчы кылып, хан ордуна көтөрүп, бийлик бергендиги тууралуу маалыматтар учурайт. Ошол эле кытай даректеринде Таластагы 40 миң түтүн кыргыздар Мааматкулдун карамагында турган, анын жардамчылары кытай уруу сунан Каработо бий, кушчу уруусунан Майтык, саруу уруусунан Акбай бий эсептелинген.
Келтирилген маалыматтар кыргыз коомунун тарыхындагы чоң бийдин аткарган кызматын жана катардагы уруу-уруктук бийлердин ээлеген ордун аныктаганга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Коомдогу бийлик уруулук иерархиялык талаптарга негизделип мыйзамдуулук патриархалдык каада-салттардын катуу сакталышы менен бекемделген. Уруунун башындагы бий, кезегинде жогор жактагы башкаруучулардын көрсөтмөсүн алып, ага баш ийгени менен көпчүлүк учурларда башкаруу бийлигинде өз алдынча автономияга жол берилген. Жогорку башкаруучу бийдин алдында жалпы бийлердин кеңеши өкүм сүрүп, олуттуу маанидеги маселелер акылдашылып чечилген. Ошондуктан кайсы бир маселелердин аткарылышын жөнгө салууга атайын мыйзамдар зарыл эмес болгон. Анын ишке ашырылышына мурдатан колдонулуп келген традициялык салт-заңыттар, адаттар жана суроо талаптар жетиштүү болгон. Маселенин бардыгы жыйынтыкталып келип, жогорку башкаруучу «чоң бийдин» («чоң баатырдын») алдында бүтүм кылынган.
XIX кылымдын II чейрегинен тартып кыргыздардын коомдук-саясий аренасына башкаруучу жаңы катмары-манаптар чыккан. Белгилүү этнограф С.М. Абрамзон манапчылыктын келип чыгышы боюнча мындай деп жазат: «Ада бият тарда жана жазма булактарда «манап» термининин XIX кылымдын 30–40-жылдарынан тартып учурашы, манапчылык кыргыз коомундагы феодал-төбөл катары, бийлердин чөйрөсүнөн XIX кылымдын биринчи чейрегинен эрте бөлүнүп чыккан эмес деген пикирлерди жараткан. Кыргыз уламыштарына таянуу менен айрым тарыхчылар, манап термини XVIII кылымда жаралганын белгилешип, сарбагыш уруусунун текебер жана өкүмчүл башчысы Манаптын ысымына жалгаштырышат. Башталганда эле бүтүндөй социалд ык институттун келип чыгышын бир эле терминге байланыштыруу негизсиз… Ошондуктан манапчылык, «манап» термини пайда болгондон алда качан мурун эле, тап катары келип чыккан. Уламыш боюнча Атаке баатыр Манаптын бешинчи муундагы урпактарынан, андыктан Манап XVIII кылымда эмес, XVII кылымда жашаган. Мында маселенин төр күнү «манап» термини, Манаптын жеке ысымынан жаралбастан, өзүлөрүнүн аталышын түпкү аталарынан алган сарбагыш уруусунун тарыхындагы манап бутагынын үстөмдүк кылуучу абалына тыгыз байланыштуу ке лип чыккан».
С.М. Абрамзондун пикиринин негиздүүлүгүн мындан баамдасак да болот. Анткени манап социалдык катмарынын түптөлүшү анын идеологиялык негиздерин бекемдөөдөн башталган. Санжыраларда учураган манаптын генеалогиялык таржымалы аталган бутактын башкаларга караганда саясий жана социалдык артыкчылыгын көтөрүүгө багытталган. Ал тургай генеаологиялык тектин асылдыгын көргөзүүнүн маанисинде аталган уруктук кландын туруктуу идеологиялык карманычы жаткан. Бул идеологиялык көрүнүш манаптын тукумдарынын эл башкарган учурунда эле кеңири тараган жана бийлер институтунун алкагынан манапчылыктын бөлүнүп чыгышынын идеологиялык негизин түптөгөн.
XIX кылымдын башында Манап тукумундагы Ниязбек, Абайылда, Таштанбек сыяктуу башкаруучулар өзүлөрүн али манап деп аташкан эмес. Башталышында манап титулу уруктагы айрым гана бийлерге таандык болсо, эми ал уруулук бутактын бийлик чөйрөсүнө кеңири таркай баштаган. Академик Б. Жамгырчинов туур а баамдагандай, бул маселе айрым феодал-төбөлдөрдүн гегемониясын орнотуу жана кеңейтүү аракетине байланышкан. Алардын катарында Ормон хандын түндүк кыргыз урууларынын үстүнөн саясий үстөмдүктү борбордоштуруп колуна алуу, хан бийлигин орнотуу аракети кирген деп жазат. Ушул мезгилде манапчылык коомдук-саясий чөйрөдө өз алдынча социалдык катмар катары үстөмдүк кылган абалга жеткен. Ошондон улам С. М. Абрамзон: «Манап терминин, манап ысымынан эмес, өзүлөрүнүн атын түпкү аталарынан алган сарбагыш уруусунун тарыхындагы манап бутагынын үстөм дүк кылган абалына түздөн-түз байланышкан деп белгилейт. Адегенде манаптар, сарбагыштардын чөйрөсүндөгү манап бутактагыларга таандык болуп, кийинчерээк манап термини кыргыздын башка урууларындагы бийликтегилерге карата айтыла баштаган» – деп жазат окумуштуу.
1847-жылы Кенесары Касымовдун жеңилишинен кийин түзүлгөн кыргыз-казак тынчтык келишимине кошумча кыргыз башкаруучулары жөнүндө документ тиркелген. Алардын катарында бий Ормон Ниязбеков манап, бий Жантай Карабеков манап, бий Калыгул Надырбеков манап деп көрсөтүлгөн. Ушул эле документте Манаптын тукуму катары саналбаган, бирок манап деп көрсөтүлгөндөрдүн катарында төмөнкүлөр турган. Нооруз Итэмгенов (күнтуу), Олжоболот Бектенов (үч багыш), Боронбой Бекмуратов (белек), Токсаба Алжамбаев (салмаке), Карач Рахматов (желдең), Дуулат Медетов (курманкожо), Эралы Качекин (кулжыгач), Байтору Жаманаков (ыман), Осмон Тайлаков (чоро), Алыбек Кетирекеев (алагөз) жана Ишенбек Баймонкин көрсөтүлгөн.
Бул маалыматтарда башкаруучулардын атадан мурастап калган бий даражасына кошумча коомдогу калыптанып калган манапчылыктары белгиленген. Маалыматтарга караганда манапчылык коомдук саясий чөйрөдө бий институтун сүрүп чыгарын айкындаган, экинчиден, бийликте жана башкарууда манапчылык артыкчылыктуу мансапка айлана баштаган. Бирок өзүлөрүн манап санаган башка уруунун өкүлдөрү, мисалы, Боромбай аларда манапчылык нукура маанисинде өкүм сүрбөгөнүн моюнга алган. Демек, манап бийлик даражасы манап бутагынын башкаруучу өкүлдөрүнүн бийлик чөйрөсүнөн өсүп чыгып, социалдык катмар катары башка урууларга да тараган.
Авторлордун жазганы боюнча манапчылыктын социал дык табиятында чексиз деспоттук бийлик жүргүзүү жана кол алдындагы калкты аёосуз эзүү мүнөздүү болгон. «Манаптар – деп жазат Ч.Валиханов, – ордонун байыркы башчыларынын түздөн-түз тукуму катары, адегенде үйбүлөнүн атасы патриархалдык укугуна ээ болуп, бирок акырындап мезгилдин өтүшү менен бул бийлик жогорулап отуруп, соңку учурда өзүнүн кол алдындагыларга жана кулдарга карата зулумдук мамилеге өткөн. Азыркы учурда алардын бийлиги урууда чектелбеген: ал кара калктын толук кожоюну, аларды сатып же өлтүрүп коюшк а да мүмкүнчүлүктөрү жетет».
Чексиз бийликтин манаптардын колуна топтолушу, алардын бийлер институтунун алкагынан өз алдынча социалдык катмар катары бөлүнүп чыгышын ыкчамдаткан. Манаптардын башкаруу ишиндеги жогорудагыдай деспоттук көрүнүштөргө жол бериши адатка айланган. Бирок ошол учурдун автору И.А. Бардашев белгилегендей, маркум Ормондой таасирдүү манап, мүнөзүнүн түнттүгү жана кол жеткистиги менен элде чоң урматтоого арзып, ордодогулардын арасында жогору бааланган. «Манаптын катуулугу жана каардуулугу, элде айкөл жана асылзат катары кабыл алынып, биринчи бакубат берүүчү уруу башчысынын нарктуулугун билдирет» – деп жазат.
Манапчылыктын өнүккөн мезгили XIX кылымдын 40-жылдарынын экинчи жарымына туура келген. Ормон Ниязбек уулунун Түндүк Кыргызстанда мамлекет түзүүгө жасаган аракети буга олуттуу таасир тийгизген. Ормон хандын мезгилиндеги кыргыз төбөлдөрү тууралуу келтирилген документте манап даражасы саналуу инсандарга карата айтылып, калган уруу-уруктардын башкаруучулары бий деп гана айтылганын көрө бүз. Ошондуктан Ормон хандын саясий жогорулоо мезгилинен тартып, мамлекеттик түзүлүштүн бийлик жана башкаруу негиз ин бекемдөөдө, анын курамына кирген башка урууларга да манапчылыктын таралышынын олуттуу саясий мааниси болгон.
«Бардык манаптардын башында өтө чектелген укук менен кыргыздын ханы Ормон турган» – деп жазат А.Талызин. Кокон хандыгы, манаптар аркылуу гана башкара алган. Хандыктын мезгилинде манапчылык өтө күчтүү болгон… Алардын ичинен кара кыргыздардын мурдагы ханы Ормон бардыгынан жогору тургандыгы талашсыз».
Манапчылыктын коомдук чөйрөгө жайылышы манаптар өзүлөрүнүн айланасына башкаруу жана бийлик функцияларын топтогондугу менен шартталган. Соттук функц ия дагы манаптардын колуна жарым-жартылай өтүп, бирок коомдук статусун али сактап турган бийлер институту тарабынан адат-салт боюнча жүзөгө ашырылган.
Ошол учурдагы манаптардын башкаруу чөйрөсүндө баатыр термини кеңири колдонулган. 1780-жылы Абылайдын алдына барган кыргыз элчилери «чоң баатыр» Эсенгулдун атынан келгендигин билдиришкен. 1785-жылы 23-август та Омскидеги Сибирь аскер бөлүгүнүн башчысы генерал Н.Г. Огаревге жиберген катында «Тынай бий уулу Атаке баатыр» деген мөөр урулган. Ормон менен Жантайдын мезгилинде бул түшүнүк белгилүү чөйрөдө гана колдонулган. Жантайдын 1848-жылдын 10-сентябрында Батыш Сибирь генерал-губернатору Ф.Д. Горчаковго жазган катында, кыргыздардын тышкы саясаты жөнүндө кабар берип, катта дайыма «манап Ормон баатыр» деп эскерет. Ошол эле катта бул термин Жангарачка карата айтылбайт. Келтирилген маалыматтар бийлик курамында баатыр түшүнүгүнүн тийиштүү орун ээлегендигин айгинелебейт. Бирок эл-жерин коргоодо эрдик көргөзгөн жана баатыр деген атка татыган инсандардан сырткары, ал башкаруу чөйрөсүндөгү саясий бийликти кармап тургандарга карата айтылган. Анын маанисинде бийлик жагынан артыкчылыкта турган башкаруучуларга карата, коомдогу белгилүү бир сый-сыпаттын сакталгандыгын көргөзгөн. Албетте, бийлик башында турган адамга бий же болбосо манап деп кайрылуу адептик эрежелерге туура келген эмес. Алардан тийиштүү маселелер боюнча жооп алыш үчүн кайрылууга туура келгенде баатыр деп өтүнүшкөн. Демек, бул түшүнүктүн нукура маанисинен сырткары термин бийликтеги башкаруучу бийдин жана манаптын саясий ишмердүүлүгүнө жана жеке сапаттарына, бийликтеги алардын аброюна жана даражасына карата колдонулган сый-урматтын белгисин билдирген.
Соңку орто кылымдардан кийинки доорлордогу кыргыздардын саясий тарыхында бийлер институту негизги бийлик жана мансап даражасы боюнча кала берген. Уруу бирикмелеринин башында турган чоң бий көчмөндөрүн саясий түзүлүшүндөгү жогорку жана башкы бийликти кармап турган. Адатта бийлик башындагы адамды «чоң баатыр» деп аташкан. Уруулук түзүлүштүн төмөнкү бутактарынын башкаруучулары жөн гана «бий» деп аталган. Андан төмөнкүлөрү «акалакчын бийлер», кыязы, уруктун башкаруучуларына таандык айтылган. Бул көбүнчө Ысык-Көл кыргыздарынын калмактар менен аймакташ жашаган топторунда гана колдонулган. Түрк автору Сейфинин 1582-жылы жазылган чыгармасында кыргыздар өзүлөрүнүн башкаруучу бектерине карата «кашка» титулун колдонорун белгилеген. Нукура кыргыз тилинен келип чыккан ушул терминди ойрот башкаруучулары да колдонгондугун тарыхый маалыматтар ырастайт. XIV кылымдын башында төрт ойрот конфедерациясын башкарып турган кыргыз Мэнкэ Тэмурдун калмакча ылакап ысмы Угэчи Кашка деп айтылган. Аталган терминдин башкаруучуларга карата айтылып келгендигин санжырадагы маалыматтар далилдейт. Мисалы, саруу уруусунун алакчын бутагын, жети кашка деп аталган элдин мыктылары башкаргандыгы жөнүндө маа лыматтар бар. Кашка термини бийлик жана мансап даражасы катары XVI кылымдан кийин колдонулбай калган жана бул багытта бий институту мурдагыдай эле негизги орунду ээлеп калган.
Талдоолор көргөзгөндөй, манапчылыктын келип чыгышына тийиштүү тарыхый жагдай негиз болгон. Учурдун талабына жараша уруулардын саясий баш кошуусун камсыз кылуу жана бекем бийликти орнотуу зарылчылыгы бул процесстин тездешине алып келген. XIX кылымдын экинчи жарымы манапчылыктын кыргыз коомунда кеңири жайылышын жана падышалык Россиянын административдик бийлигинин орногондугуна карабастан, алардын эл арасындагы таасири күчтүү сакталып тургандыгын мүнөздөгөн.
«Манапчылык уруулук негизде болгондуктан эл өзүлөрүнүн көкүрөгүнө сиңип калган манаптардын өктөмдүгү жана күчтүүлүгү жөнүндөгү аң-сезимге байланууда, манаптар мүмкүн болгон чаралар менен кыргыздардын арасында биринчилик абалды сактап калууга аракеттенүүдө, ушуга жараша манаптардын кадыр-баркы өзүлөрүнүн букараларынын алдында чынында жогору жана аны менен кадам сайын эсептешүүгө туура келет», – деп жазат Пишпек уездинин башкаруучусу А. Талызин.
Кыргызстан Россия империясынын карамагында турганда жергиликтүү административдик башкаруу уюмун волосттор түзгөн. Анын башында турган болуш съездде, башкача айтканда, топто шайланып, 1000ден кем эмес түтүндүн башкаруучулары болушкан. Андан кийинки айыл старчыны айылдын чогулушунда шайланган. Шайланган кызмат орундары падышалык бийликтин административдик функция ларын атка рышкан. Мындай башкаруу ыкмасы аймактагы империянын колониялык саясатын жүзөгө ашырууга ыңгайлуу болгон жана жергиликтүү калкты бөлүп-жаруу саясатына негизделген.
Сунуш кылынган маалыматтар алдыда өткөрүлүүчү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесинин босогосунда турганда жалпы окурмандарга тарыхыбыздын ар кайсы мезгилдеринде кыргыздар колдонулуп калган бийлик жана мансап даражалары жөнүндө жалпы түшүнүк берет деген ишенимдебиз.
Темиркул АСАНОВ
ДАТКА СӨЗҮНҮН МААНИСИ
Нарбото бий дүйнөдөн кайткандан кийин бийлик анын уулу Алимге өткөн. Алим бийликке келери менен бийликти бекемдеп, аны күчүнө киргизген. 1804-жылы Бухара хандыгына тең ата болуу максатында өзүн «хан» деп жарыялайт. Ошол күндөн баштап мурунку Фергана өрөөнү «Кокон хандыгы» деп аталып калат.
Хандыктын түзүлүшү менен өз алдынча акча реформасын жүргүзүп, мамлекетти башкаруу системасын түзөт.
Кокон хандыгынын мамлекетти башкаруу системасы жана структурасы, формасы жана маңызы жагынан Бухара хандыгынын башкаруу системасы жана структурасы менен көп жагынан окшош болгон, ал эми иерархиялык жагынан бири-бирине туура келген эмес. Анткени Алим хан Бухара хандыгындагы мамлекеттик чиндерди жана даражаларды өз хандыгына киргизген.
Датка мансап даражасы ХVIII–ХIХ кылымдарда Бухара жана Хива хандыктарындагы мансап даражасы болгон. Датка түшкөн датта нууларды ханга билдирип, арыз ээлерине оозеки же жазуу жүзүндө жообун кайтарып берип турган.
Датка мансап даражасы Бухара хандыг ынын түзүлүшүнө чейин эле алгач фарсы элдеринин мамлекеттеринде пайда болгон.
«Датка» деген сөздүн мааниси фарс тилинен («дадхох») кыргызчага которгондо «адилетти сүйүүчү», «адилетчил», «адилетти талап кылуучу» деген маанилерди бил дирет.
Ошондой эле бул мансап дараж асы «Манас» эпосунун көп эпизоддорунда жолугат. Сагынбай Орозбаковдун варианттарында Жакып кыз издеп Бухарага келип, Каныкейге сөйкө салган окуясында эскерилет.
«Бул шаарда бектерден, Аялдатпай табыңар.
Үйүнө бирин койбоңор,
Удайчы менен даткадан», – деп берилген.
Даткалар Кокон хандыгында түшкөн даттанууларды ханга билдирип, арыз ээлерине хандын жообун, чечимин угузуп турушкан. Алар хан сарайда кызмат кылышып, хандын кабыл алуу бөлмөсүндө иштешкен, о.э. катчылык ролун аткарышып, кагаз иштерин бүтүрүшкөн, казылардын чыгарган чечимдерин юридикалык жактан талдап чыгышкан ж.б.
Кээ бир фактыларда даткалар Кокон хан дыгынын бийлик иерархиясында тогузунчу орунду ээлеген деп жүрөт. Бул жерде тактай турган нерсе, биринчиден, датка мамлекеттик башкарууда чин же кызмат орун болгон эмес, даража (титул) болгон.
Экинчиден, датка даражасын алган адамдар ар кайсы кызматтарды аткарып келишкен. Анткени XIX кылымдагы фактыларга караганда, Кокон хандыгынын мамлекеттик башкаруу аппаратынын системасында мам лекеттик чиндер, титулдар, аскердик наамдар жана аскердик кызматтар административдик башкаруу кызматтары көп тепкичтүү иерархиядан тургандыктан, алардын статусу жана функциясы мезгилдин агымы менен тез-тез алмашылып турган. Ошон дуктан бара-бара бул даражаны алган адамдар жүз башыдан тартып вилайеттерге чейин башкаруу укугун алышкан. Согуш убагында ээлеген кызматы боюнча жогорку аскердик чиндерге барабар болгон. Мисалы, Зыйнат датканы «Генерал датка» деп аташкан. Буга И.Бичурин: «Датка – хандыктагы генералга тең жогорку чин» – деп жазган, ал эми орус окумуштуусу А. Кун түндүк кыргыз даткаларын генерал-губернаторго теңеген. Ошол эле убакта Бердаалы датка жүзбашылык кызмат өтөсө, Кедейбай датка парваначыдан тартып, Чартак шаарынын акимине чейин ки кызматтарда турган. Кээ бир убакта даткалар хандык кызматтарда турбагандыгы менен датка наамы сакталып калган. Кыргызстандын түндүгү каратып алынгандан кийин бул даража кыргыз феодалдарына да бериле баштаган, Мадалы хандын убагында датка наамын Талас өрөөнүнөн Асперди ажы, Жумгалдан Медет алышып, хандыктын иерархиясында төртүнчү орунду ээлешкен.
Датка даражасы түндүк Кыргызстандын аймагында XIX кылымда жергиликтүү эң жогорку наам болгон. Даткалар кыргыз бийлеринен жогору турган жана хан казынасынан жылына 200 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болушкан.
Кыргыз даткалары өзүнө караштуу аймакта, ханга даттанууларды билдирип турушкандан тышкары, ошол аймакта бийлик жүргүзүп, хан ордосунун саясатын жүргүзүшкөн, элден жыйналган алык-салыкты хан казынасына жеткирип турушкан, өздөрү салыктан бошотулган. Алар негизинен казылык жана жергиликтүү бий сотторун көзөмөлдөп да турушкан.
Датка наамы Шералы хандын доорунан баштап көпчүлүк мамлекеттик кызматчыларга бериле баштаган. М: Мусулманкулдун убагында көптөгөн кыпчактар датка даражасын алып, шаарларды ж.б. жергиликтүү аймактарды башкаруу укугун алышкан.
Тарыхый маалыматтарга караганда Кокон хандыгынын доорунда кыргыз инсандарынан датка наамын алгандар төмөнкүлөр:
- Асперди ажы-дат ка (тарыхта Ажыбек датка деген ысым менен белгилүү) 1826-жылы Мадалы хан тарабынан датка даражасы берилип, Талас өрөөнүн башкаруу укугун алган. Ага чейин Кокон ордосунда жогорку мамлекеттик кызматтарды өтөгөн.
- Медет датка. Мадалы хан тарабынан берилген, алган жылы белгисиз (болжол менен 30-жылдардын ичинде). Жумгал өрөөнүн башкарган.
- Кедейбай датка. Алган жылы белгисиз, болжол менен 40-жылдардын ичинде, ордодо жогорку кызматтарда иштеген. Мадалы хандын убагында «парваначы» болуп, Кудаяр хандын убагында – 1870-жылдарда, Чартак шаарынын акими болгон.
- Зыйнат датка. Кыргыз аялдарынан чыккан биринчи даткайым, даткалык Кудаяр хан тарабынан берилип, хан сарайда жогорку кызматтарды өтөгөн. Жаркынайым ханышанын бир тууган эжеси болгон.
- Сарымсак датка. 1858-жылы Малла хан тара бынан датка наамын алган. Малла хандын таякеси болгон.
- Алымбек датка. 1858-жылы Малла хан тараб ынан берилген. 60–62-жылдары парваначылыкты алып, Анжиян вилайетин башкарган.
- Курманжан датка. «Алай ханышасы» деген ысым менен белгилүү, күйөөсү Алымбек каза болгондон кийин Бухара эмири Музаффар жана Кокон ханы Кудаяр тарабынан 1863-ж. даткалык наам берилген.
- Тойчу Молдо датка. Датка наамын алган жылы белгисиз. Кудаяр хан тарабынан берилип, 1866-жылы Хожент шаар ынын акими болуп дайындалган.
- Шапак датка. Асперди датканын уулу, бир тууган жээни Кудаяр хан тарабынан 1863-жылы берилген, 1864жылы Россия империясынын басып алуучулук саясатына каршы чыгып, Чоңкапкадагы согушта курман болгон.
Булардан башка дагы түштүк кыргыздардан Сейитбек датка (кесек уруусунан), Болот датка жана Касым датка, Гаиб датка – алайлык кыргыз, Бозой датк а – бадахшандык кыргыз, тейит уруусунан Тилла датк а, найман уруусунан Каракул даткалар да датка наамын алышкан. Жогорудагы даткалар качан, кайсы жылдары датка наамын алганы белгисиз.
Жогоруда жазылган ал инсандан башка да Фер гана өрөөнүндө жашаган кыргыздардан датка наамын алган көптөгөн инсандар болгон. Кокон хандыгында датка даражасы бир эле убакта 10 инсанга берилген. 1804–1876-жылдардын аралыгында датка дараж асын алган инсандардын саны 100гө жакын. Бирок даткалар тууралуу жана Ко кон хандыгы тууралуу тарыхый булактардын терең изилдене электигине жана алар жөнүндөгү тарыхый булакт ардын аздыгынан улам даткалардын баарынын тизмесин түзүп берүү кыйынчылык туудурат.
Алмазбек АБАСБЕКОВ
БАРСБЕК КАГАН
Борбордук Азиянын, Орто Азиянын Түндүк, Кытайдын талаа-түзүндө эки жүз жылдай (552–744-жж.) атын ойнотуп, кылычын жалаңдатып, ар кандай уруулардан түзүлгөн, Үтүкен Тоодо ордо курган Түрк кагандыгы доорун сүрдү. Алардын урааны дайыма башка урууну багынтуу, чабуу эле. Түрктөр бөлөк элдерге кол салганда, кагандары жоокерлерине мындай чакырык айтчу: «Улуу түрктүн кыраандары, арстандары, биз улуу Теңир атага күнөөсү ашынган жоого кол салып атабыз. Алардын ашынганын пастатып, ыйык Теңирди таанытып коёлу. Теңирдин өтүнүчүн аткаралы!..»
Ошентип, көп уруу элден турган Түрк кагандыгынын жөө жүргөнү аттуу болду, жардысы үй күттү, жоокери олжого марыды, кектешкенден өчүн алды, жаатташкандан жан алды. Туугандын туурун карабады, өзгөнү өзүндөй санабады. Алсызды багынтты, тең ата менен жоолашты. Кызылдай өз саясатын жүргүздү: кол алдындагы көчмөн боордошторуна түрк атын чакырып, өтө зыкым, таш боор болду, салык-алымды очойто үйдү жана бирин бирине тукуруп чагымчылдык кылды.
Кыргыздар VI–VII кылымдарда «түрк» атанын урааны, туусу алдында жашады. Башында жалпы сак урууларынын тукуму, бири-бирибизге түркүк бололу деп, Улуу тоонун алдында Теңир атага тайынып, боз бээни садага чаап, кан чыгарып ант беришип, ажосун көтөрүп, башы бириккен эле. Бара-бара түрк балдарынын дагы күчтүүсүн алсызы көрө албай, улуусуна кичүүсү баш ийбей, бирибирине жоо болуп, ынтымагы ыдырап кеткендей сыягы.
Байыркы кыргыз тарыхы чоң күзгүнүн бытыраган сыныгына окшош. Ошонун ичинен сынбай көбүрөөк бүтүн калганы Энесай доору (V–ХII кк.) болушу ыктымал.
Кытайдын эски жазмаларында, кыргыздын санжырасында жана оозеки чыгармасында бабалардын ата конушу Алтайда, Кан тоосунун жака-белинде, Сапар Талаада болгон делет. V кылымда кыргыздын Минусинск ойдуңунда мекендегени айтылат. Эзелтен жерди тандаганды билген кыргыздар Алтай–Саян тоолорун байырлаган. V кылымда кыргыздар Энесайдагы көчмөндөр арасынан кайрадан башын көтөрүп чыга келди. Буга чейин алар кыргын-сүргүн доорунда өздөрүнүн боордош урууларынын арасында (дөөлөс, үйсүн ж.б.) чачырап, ичтен тынып, күчкө толуп, астыртадан бугуп оңтойлуу учурду күтүп жатса керек.
V–VI кылымдарда Ортоңку Энесай ойдуңун ээлеген кыргыздардын энчилүү мамлекети, кагандыгы курулган. Санжырада Алтайдын түзөңүнө, Мамырдын Сары чөлүндө, Айдың көлдүн жээгинде калайык жыйын куруп, үйсүн, дөөлөс төрдүн катышуусунда кыргыздар биринчи ханын ак кийизин салып, башына жакалуу бөрктү кийгизип, кылкылдаган элди жети айлантып хан көтөрүшкөн деп айтылган. Санжыра боюнча ошол доордогу кыргыздардын мыкты эл башчылары Ыстам хан, Акылбек, Эр Сатылган, Эр Мундуз, Кыпчак, Эр Кылыч, Калач болгон экен. Хан шайлоо Калач хандын учурунан башталган экен.
Калач хан эл ишенимин актаган акылман, билги, эл башчысы болуптур. Анын акыркы өмүрү жөнүндө мобундай бир уламышты санжырада айтышат.
Кырк жыл кыргыз элине эң алгач хан болгон. Кытай жазмаларына караганда V кылымда кыргыздар 80 миңге жеткен атчан жоокер күтө алган даражага жеткен.
Карыган Калач хан катуу ооруп калганда кош айтышканга Эр Эсенгелди менен мураскору Эр Болот акылдашып, жети сан кыргыздын журт башкаргандарына кабар айтат: «Хан оорусу катуу, ханы менен көрүшүп калсын» дешет.
Калач хан менен коштошуп калуу үчүн кыргыздардын эл бийлеген мыктылары, баатырлары, акылмандары барышат.
Ошончонун ичинен Энесайда шаар куруп, өзүнчө хан болгон Турумтайга кабар жетпей калат. Муну Калач хан угат да Эр Эсенгелди менен Эр Болотко айткан: «Эр жазыгы ээр, жүгөндүү ат болот. Кабарсыз калган Турумтайга ээр, жүгөндүү ат тартып, анын көөнүн алгыла» – деп, керээз айтып көз жумат.
Калач хандын бул керээзи боюнча Эр Эсенгелди, Эр Болот Энесайга барып, Турумтайдан кечирим сурап, эл болуп кайтышат.
Мына ушул жерден Көкөтөйдүн ашындагы окуя эске түшөт. Көкөтөйдүн ашына хан Манаска кабар жетпей калганда, баатыр кандай жинденди эле. Менимче, Калач баатырдын окуясы «Манас» эпосуна бир аз өзгөртүлүп киргендей түрү бар. Саргара иликтеп көрсө, кыргыз элинин байыркы тарыхын жана рухий маданиятын улуттук аңыздан, уламыштан, оозеки чыгармачылыктан, санжырадан жана жазма тарыхтан тапса жана чогултса болгудай.
Мамлекет болуп, элтеберди (ажону) шайлап, кол күтүп, туу көтөргөн кыргыздар да эки жүз жылдай Минусинскини байырлап, майда тайпаларды багынтып, атагы алыска угула баштаган. Кыргыздар бу кезде жашоо-турмушу оңолуп, ити чөп жей баштаган эле.
Ал эми жужандар, кийинки Түрк кагандыгы кыргыздардын эл болуп, мынчалык сөөлөтү өскөнүн көрө алышкан эмес. Тарыхта 562-жылы Көк Түрк кагандыгынын каганы Мукан хан (553–572) Энесайдагы эрегишкен Кыргыз кагандыгын басып алды. Очойто оор алым-салыкты мойнуна илди. Тан жылнаамасы айткандай, түрктөргө кыргыздар өткүр темир куралд арды, аскер аттарын жана алтын, күмүш буюмдарын берип турду. Түрктөр буга да алымсынбады, үстөкө-босток басып талоончулук жасады, бойго жеткен кыргыз уулдарын аскерге алды, келин-кыздарды тартып кетип күң, токол кылды.
Түрктөрдүн баскынчылыгы улам күч алды. Кытайдын Түндүк Ци мамлекети түрктөрдүн түрүнөн чочулады, аларды жооткотуп, бооруна тарткысы келип, кыздарын берип, жылына 10 миң ором жибек, чай, шараптарды тартуулап, башын ийди. Кытайдын белек-бечкегин түрк мамлекети Батышка соода жүргүзүп, орто жолдо марып турушту. Анан бу жибек жолу чырдын башына айланды – ага кожоюн болууга ирандыктар менен түрктөрдүн ортосунда эрегишүү, ырк келишпөө, үстөмдүк алуунун ачык жоолашуусу башталды.
Соодадан улам ырбаган Улуу Түрк кагандыгы менен Иран ортосундагы араздашуу улам курчуй берген.
Иран шахы Хосрой 566-жылы Түрк каганы Истеминин элчисинин жибегин сатып алып туруп, таңгактарын өздөрүнүн көзүнчө өрттөгөн. Бул ачык кордоо Түрк кагандыгына жетти.
Эми Улуу Түрк кагандыгынын батыш жагын чойгон Истеми каган өз элчилигин Византияга (Урумга) жиберет. Византия империясынын баш калаасы Константинополь (Стамбул) шаары эле.
Византия императору Юстиниан II 568-жылы Истеминин элчилерин жылуу кабыл алып, кайра пил сөөгүн, алтын, кымбат асыл буюмдар, жубар бермет тартуулады. Өзүнүн кошуун башчысы Земарк ты Түрк кагандыгына жиберген.
Бир жылдан кийин Истеми каган Чыгыш Теңир тоодогу Ак тоо хан ордосунда Византия элчисин арча отунан аластап өткөрүп, жаман ой, жаман ниетин тазарткан соң, шаан-шөкөт менен кабыл алды.
Тарыхый маалыматтарга караганда 569-жылы Көк Түрк кагандыгынын батышын бийлеген Истеми каган (Рим империясынын тарыхында Мабулос каган деп жазылган) өзүн Баатыр Йабгу деп атап, Византия (Урум) императору Юстиниан IIге олжого түшүргөн кыргыздын сулуу кызын тартуу кылып узаткан.
…Эмне үчүн Түрк каганы кыргыздын күң кызын тандады экен? Байыркы доордо жана орто кылымдагы кыргыздардын даңазасы бир эле темирден жасаган курч куралдары же күлүк жылкылары эмес, анын сулуу кыздары менен көчмөн элдердин арасында атагы кеткен. Кыргыздар темир менен күлүк аттарын өз ыктыяры менен белекке берген, ордолордо соода жүргүзчү. Ал эми кыздарын башкаларга, жат-жабырга ыраа көрчү эмес.
Кыргыздын бийкечтери мөлтүр сулуу, уз, атка чыйрак, салтка бекем, жашоого сергек, сыйкор жана назик эле.
Кыргыз санжырасында, кыязы, түрк каганы Истеми Йабгу бир урук кыргыз айлын бүт кырып, сулууну тартып келген экен. Сулууну Истеми угуп, көрүп, өзүнө алмакчы болуп туруп, катуу ооругандан Урум падышасына ыйгарыптыр. Сулуунун аты белгисиз, а бирок аны асмандагы ай көргөндө уялчу экен. Кыргыз кызы кеткенде улуу комузчулар арман күү, акындар ыр, аялдар кошок чыгарган дешет. Алардын күүлөрү, ырлары муңдуу эле дешет. Кыргыздар каткан дүр-дүйнөсүнө, малын, алтын күмүшүн душманга күчтөп алдырса кайыл эле, ал эми минген атын, башындагы калпагын, колундагы камчысы менен куралын жана үйүндөгү кызын тарттырып ийгенден көрө жанын кыйганга макул эле.
Орхон жазууларында кыргыздардын аялдары түрктөрдөн корк пой ордону коргоп, жан аябай салгылашканы жөнүндө алкаган сөздөр калган.
* * *
Каардуу түрктөр жөнүндө бабалардын аңызы, санжырасы бар. Жараткан Теңир айткан экен: «Менин күткөн аскерим бар, анын атын Түрк койдум. Аны Чыгышка жайгаштырдым. Эгерде кокус кайсы бир эл жиниме тийсе, түрк төрдүн кол алдына ошол элди берем».
706-жылы Түрк кагандыгы Түндүк Кытайды басып кирди, кол башчысынын аскерин талкалап, казыналык аттарын айдап кетишкен. Түрктөр буга чейин Кытайдын Түндүгүн беш жолу чапкан эле. Обуру араандай ачылган Түрк кагандыгы улам колдон келээрин басып турду. Алар ээлеген өлкөнүн узун-туурасы 10 миң чакырымга жеткен.
581-жылы биринчи Түрк кагандыгы кулагандан кийин, 629-жылга чейин кыргыздар эркин жашады. Тарыхта кыргыздын ошол кездеги үч министринин аты бар: Гйеси бей, Гюйбашо бей жана Али бей. Кейпи мамлекеттин башын бириктирген уруу башчыларынын аттары болсо керек.
VI–VII кылымдарда сай-сайлаган кыргыздардын башын бириктирген кагандары, баатырлары чыгып, дөөлөтү өсүп, аскер күтүп, согуш өнөрүн өздөштүрүп, өркөнү өсүп эл болуп калган. Алар көчмөн уруулардын ичинен биринчилерден болуп кен казууну, темир иштетүүнү билишкен, жерди сугарып, мол түшүм алып, дыйканчылыкты өздөштүрүшкөн. Жоого минчү аттарды короого, колго баккан.
Бул кезде кыргыздар Кытайдын Тан сулалеси менен ымалалаш эле. Кыргыз каганы Кытай менен элчиликти түзүп, эл башчысы Шыбоуют Ачжан ак сарайга өзү барып, сый көрүп наам алган.
Алтай–Саян тоолорунун кокту-колотторунун, Энесай, Орхон дарыяларынын куймаларынын, Байкөл, Кыргызнур, Сүткөл, Дөөлөс көлдөрүнүн сырларын, байлыгын, сулуулугун, кеңдигин, оттуу экенин, кечмелиги кайсы жерде экенине чейин кыргыздарча билген эч бир көчмөн уруу жок эле. Кыргыздар бул касиеттүү жерлерди башка уруулардан мурун чалгындап, көзөмөлдөп алышкан.
Кытай окумуштуулары энесайлык кыргыздардын Тан доорундагы жайдары жашоосу жөнүндө мобундай кыялкечтик менен баяндама берген: «…Апай Тоонун астындагы тектирде аппак боз үйлүү айыл четинен төөлөргө жүк жүктөлүп, аттардын куйругун түйүп, жолборстон кээжим жаптырып, жолоочулар узап баратышат… Жайкы саратанда закымдаган теребел учу-кыйырсыз кең жайлоодо балкыйт, төрт түлүк мал тоо этегинде, кыркаларда, мелүүн күндө салкындап жатты. Ак калпакчан, шырылган чапан, бирок атка жабыша минген алп мүчөлүү атчан укуругун сүйрөтүп, колунда камчы, жайлоодогу малын айдап, аркы-терки чапкылап жүрөт. А кышкысын болсо жаа-жебесин асынып, найзасын жанга алып, кушун колуна кондуруп, тайганын ээрчитип, көз жеткис жайлоодо аң уулап жү рүшөт… Ал эми балыкчылар болсо себетин жонго асынып, балык сайчу айрысы менен Энесайдын бетиндеги музду көзөп, балык кармашат. Кечте балык кармап кайткан кыргыздар топ-тобу менен чанага түшүп, муз менен кардын үстүндө куштай сызып оюн-тамаша курганга өтүштү…»
Кыргыздар күч алган сайын, байлыгы арткан сайын анын жерине көз арткан кошуналар да, алыстан да чыккан эле. Көгмөн бардык кыргыз урууларын, мал-жанын койнуна батыра алган эмес. Хан ордосу Көгмөндүн көк жайыгы болуп, анда төбөлдөр, кол башчылар, ардактуу инсандар жайгашкан. Калган уруулардын топтору Саян кырка тоолордун кокту-колотторунда, талаа-түзүндө конуш алган эле.
VII кылымдын аягында Көгмөндү байырлаган кыргыздар Барсбекти хан көтөрүштү. Анын жан-жөкөрлөрү Барсбектин башына оюу-кыюулары алтындан басылган ак калпак кийгизип, мойнуна жибек ороп, белине алтын кемер курчап, шаан-шөкөттөп кийизге отургузуп, катар тизилген калктын кыйкырыгы, куттуктаган ырынын коштоосунда күн багыты боюнча тогуз жолу айланта көтөрүп өтүшкөн. Анан ак боз атка мингизип, хандын элге кайрылган жаңы жардыгын угушкан.
Барсбек бабалары Теңир атага, Умай энеге тегиз сыйынган тектүү жердин тукумунан чыккан эле. Атасынан жаштайы нан төрт бир тууганы менен жетим калып, өзүнүн зиректигинен элге аралашып, баатырдык даңазасы өсүп, эрте жетилген, эл оозуна кирген эр болчу.
Энесайлык кыргыздар эл (мамлекет) башчысын элтебер, ажо, тегин, каган деп атап, наам беришкен. Мындай жөрөлгөлөр улуттун ички жана сырткы байланышына, шартка жараша жүрсө керек.
Кыргыз санжырасы боюнча сыдырып келсек, бөрү жатындашын жамандыкта таштай качат, барс боордошун таштабай, чогуу өлөт деген кыргыздар Барсбек хан болгондо ардак наам ыйгарган окшойт. Анын чын аты тарыхта Калач хан болушу да жөндүү. Барсбек саны кеткен кыргызды сай-сайдан таап чогултуп, күнү кеткен кыргызды кыр-кырдан таап чогултуп, элдин башын кошкон, жоодон жалтанбаган, кылычынан от жанган, ажарынан нур чачкан алп баатыр эле.
Чыгыш-Батышта эч кимден жалтанбаган түрк билермандары Барсбекке Ынанчу Алп Билге деген даража ыйгарышкан. Мунун артында кыйдылыгы бар эле. Биринчиден, кыргыздан чочулашып, экинчиден, энесайлык кыргыз кагандарын айла-амал менен Тан империясына чогулуп сокку урууга үгүттөдү. Акылман кыргыз каганы бу азгырыкка көнбөдү.
Кыргыздардын өскөнүн, ажосунун зоболосуна жана кытайлар менен ымалашканын көрө албай ичи тарыган түрк каганы Капаган жамандыкты ойлоду. Карасанатай түрк каганы көк асаба кыргыздарга казатка аттанды. Алгачкы казаты таш капты.
Кийин кыргыздардын эрдигине Тан империясы ыраазы болгон.
Байыркы Кытайдын тарыхый жазмаларында («Жалпы ханус кыргыздарда») кыргыз эли жөнүндө мындай маал ымат беришкен: «Кыргыздардын жери жазда суулуу болуп, кышта калың кар каптап жатат. Барып-келиш өтө кыйынга турат… Элдери тоо таянып конуш алган. Алп денелүү, кызыл жүз, коңур чач, көк көз келишет… Адамдары өтө баатыр келип, кошуна элдер коркунуч ичинде турушат… Кундуз, суусар терисинен кийим кийишет. Тамакты колу менен жешет, салт-санаасы негизинен түрктөр менен окшош…»
Байыркы кыргыздар адеп жаралгандан баштап тоону байырлашкан, тоону киндиктештей көрүшкөн, тоосуз тоголок жетим болушкан. Илгери-илгери Саян, Алтай тоо кыркаларында атагы алыска кеткен Жашыл Үзөн, Шантуу жайыктары, Алтынжыш, Кадырканжыш, Кеңтарман, Темир Капка, Көгмөн тоолору, жайлоолору бар эле. Мындай жыргал жерлерди башкаларга ыраа көрбөй күчтүү көчмөн уруулар гана жашай алган. Тоолор жайлуу жайыт гана болбостон, аскар тоолор атборой журтка улуу сепил болуп берген. Кайсы тоонун өзөн-түзү кооз, кайсы маалда жайлуу, оттуу келээрин, сууга мол, бейпил болоорун, чөбү качан жетилээрин кыргыздар эң жакшы билишкен. Бабаларыбыз жерден жер тандап жүрүп, акыры хандык доорунда Саян тоо кыркасындагы Орхонду жактырган. Көгмөн жайыгын «Жашыл Тоо» деп аташкан.
А касиеттүү Көгмөн тоо жарыктык кыргыздардын бак- таалайына бүткөн жер эле, арашан суусу толтура, кышкысы жылуу, жайкысы салкын, тоосунда тоодак, аркар, кулжа, бугу жайылып, чер токоюнда кушу сайраган, кундуз, кишке толгон, көлүндө өрдөк, аңыр, каз уялаган, зоокасында кийиги чубаган. Энесай (Аны) суусунда балыгы мол, бейиш жер болгон. Ала-тоолук кыргыздар жайчылыкта энесайлыктарга ат арытып, жол карытып, айлап жүрүп туугандарына учурашканы барар эле.
Кышкысын Көгмөнгө келчү өзөндүн жолу жабылар эле, тоо башындагы ак кар, көк муз эрип, суу кирип, анан тартылганга чейин кишилер каттачу эмес.
Көгмөндүк кыргыздар кышкысында санаасы тыңгылыктуу болуп, тай союп, кара таруудан бозо салып, кымыздан тарт кан шарабын ичип, күрүч көжө жеп, өздөрү эккен буудайын моло ташка бастырып, тегирменге тарттырып, нанын чайнап, балык тутуп, токчулук баскан эл той-тойлоп, усталар жаандан кийинки жер бетине ачылып калган кешектен (темирден) өткүр жоокер куралын жасап, жайдын камын көрүп, эч капарсыз чардап жатчу.
Айла-амалдуу Түрк каганы Капаган кыргыздар менен убактылуу жарашкысы келди. Кыргыздар муну жактырбаса да, баалуу белек, куш, ат тартуулап алдын-ала кол куушуруп жарашканга барды. Түрк каганы кыргыз каганынын алдына түшүп, кан чыгарып шерттешип, Кутлугдун кызын, жээнин Барсбекке токолдукка берди. Эки тарап ушуну менен он төрт жылга тынчыгандай кебете күтүштү.
Түрктөр канчалык сырын бек жашырса да, алардын кыбыр эткени баканооздор, куда-сөөктөр, жолоочулар аркылуу кыргыздарга жетип турду.
Барсбек 707–709-жылдары түрктөрдүн түрпүн көрүп, алардын жуукурлугуна каршы башка ниеттеш урууларды биримдикке чакырды, Чүй боорундагы боордош түргөштөргө Эзген деген сөзгө чечен, шертке бекем элчисин жиберди. Элчи түргөштөрдү эпке көндүрдү.
Жарым миллиондон ашкан малы жайытына батпаган, жүз миңдей аскер күткөн кыргыздар Тан империясы, Түргөш кагандыгы менен ак боз бээ садага чабышып, бүркүт тартуулашып, бирге ымала-ынтымакка кошул ушту.
Мындай биригүүнү дили бузук түрк каганы жактырбады. Ал ымалашкан душмандарды бирден жоготкусу келди.
709-жылы Түрк кагандыгынын жоокерлери Энесайдан өтүп, кыргыздарга жан тарткан чиктерди, аздарды талкалап, Тувада аярлап, чабуулга даярданды. Саян аркылуу негизги ашууларды ээлеген Барсбек ымалаштарына жардамга кабар айттырып, күчтүү жоосун күттү. Ымалаштары шертке турбай, жардамга келбеди, өздөрүнүн чебин коргошуп, жетимиштен ашкан каган Барсбекти аз сандагы колу менен жалгыз ташташты.
Түрктөрдүн жортуулу кыргыздарга сел каптагандай кайгы алып келээрин мурунтадан сезген Барсбек бардык амалдарды ойлоштурду. Акыры 710-жылы күзүндө кудасөөк болгон тибеттиктерге өзүнүн ишенимдүү кишиси, төрт өлкөдө иштеп нечен тилди билген, сөзгө уста Эрен Улуг дегенди башчы кылып, элчиликке жиберди. Тибеттиктер кытайлар менен жоолашкан күчтүү өлкө эле. Барсбек жиберген элчилиги жөнүндө кытайларга ооз ачпады. Кытай менен Түргөш кагандыгы Тибетке жиберген элчиликтин кабарын укса да, кыргыздарга жардамга келбеди. Ал эми Тибетке кеткен элчи бөтөн жерде бөөдө өлүм тапты, себеп-дайны ачылбады.
711-жылы чыкыроон кышында кыйды Тон-ёкук акылчы Капаган ханга: «Кыргыздарды чаап алууга кезек келди, эгерде биз аларды озунуп чаппасак, жаз, жайда бизди чаап алат. Биз Алтун чытырман токоюна барабыз.
Өз куралдары менен жайлайбыз!» – деди.
Энесайлык кыргыздар Түрк кагандыгына албан салыкка темирди, өткүр согуш куралдарды – жебе, кылыч, найза, канжар, калкан жасап берип турчу. Эми түрк каганы ошол куралдары менен кыргыздардын өздөрүн жанчмай болду.
Тон-ёкуктун сөзү жерде калчу эмес. Анын сөзү түрктөргө мыйзам эле. Ал жедеп бузуку, митаам, Кытайда тарбия көргөн, согуш өнөрү, амалкөйлүктү үйрөнгөн алтымыш бештеги кыйды чал эле. Кеңешчинин сөзүн Капаган хан туура тапты, каганды кол башчысы, жыйырма алты жаштагы Күлтегин, агасы Могилян колдоду.
Капаган хан чоң казатка кол башчылыкка Тон-ёкукту дайындады, ага жардамчылыгына иниси Күлтегин дайындалды. Түрктөр чоң казатка аттанды.
Көгмөндө ошол каргашалуу жылы кар калың түшкөн эле. Кыраан чилдеде жол билбеген жоо кайдан келет эле деп, отуну мол, курсагы ток камарабаган кыргыздар бейкапар жаткан. Түрктөр 20 күн дегенде Саян ашуусун ашып, Актермелди өрдөп, Аны өрөөнүнө Кыргыз кагандыгына жетти.
Түрк каганы кыргыздарды басып алгандыгы көк түрктөрдүн кол башчысы, кагандын акылчысы Тон-ёкуктун таш эстелигине жазылган руна сымал жазууларында чегилген:
«Мен аскерлерге алга жөнөөгө буйрук бердим, мен аттангыла деп айттым. Актермелден кечип өткөндөн кийин эс алууга буйрук бердим. Атка минүүгө буйрук берип, мен карды жиреп жол салдым. Мен башкалар менен бирге аттарды жетелеп, колго таяк алып тоого жогору көтөрүлдүк. Алдыда бараткан адамдар жолду таптап, биз токой өскөн Ыбар ашуусун ашып түштүк. Зор кы йынчылык менен төмөн түшүп, он түн бою (күндүз душманды чочутуп албас үчүн сактанып жаттык) биз күрткүлөрдү айланып өтүп, тоо этегине чейин бардык. Адашкандыктан жол көрсөткүч өлтүрүлдү. Биз Аны дарыясынын агымы боюнча төмөн бараттык. Өз аскерлерибизди санап чыгуу үчүн токтоого буйрук бердик, ал эми аттарыбызды бактарга байлап койдук. Күндүр-түндүр чаптырып жүрүп отурдук. Биз кыргыздарга терең уйкунун убагында кол салып, найза менен жол ачтык. Алардын ханы жана аскерлери чогулду…»
Салгылашуу жөнүндө Йоллыг-тегин дурус баяндайт: «Алардын каганы менен биз Сунга чытырман токоюнда салгылаштык. Күлтегин Байыркудан келген боз айгырга минип чабуулга чыкты, бир эркекти жаа менен өлтүрүп, эки эркекти найза менен ыргыта сайып, анан улам биринин артынан бирин өлтүрүп жатты. Чабуулда анын Байыркудан келген боз айгыры өлдү, анын кабыргасы сынды. Биз кыргыз ханын өлтүрүп, анын дөөлөтүн алдык».
Кейпи көчмөн түрк элдеринин ичинде учурунда бизге жетпей калган оозеки дастандын да болушу ыктымал. Күлтегин баатыр он алты жаштан кырк жети жашка чейин жеңилүүнү билбей өткөн баатыр болгон экен.
Ошол Көгмөндүн Сунга айдыңындагы согуш баяны таштагы жазууга мобундай ыр-кошок болуп чегилген:
«Атам кагандын аскери бөрүдөй болду.
Душмандары койдой болду.
Чабабыз дедим.
Чаптык. Жойдук».
Кыргыздын хан ордосу чабылды, кызыл каны төгүлдү да, кара тери агылды. Тизелүүлөр бүгүлдү, баштуулары эңкейди. Бабаларыбыздын кейиши менен коштошсок: тополоңу тоз болду, колу артына байланып, кой ордуна айдалып, көөдөнгө батпай көп санаа, талоон көргөн кайран журт – көзүнүн жашы он талаа…
Кыргыздын байыркы уламыш, санжырасында Көгмөндө түрктөр кыргыздарды чапканда, тоотпой жана багынбай койгон Барсбектин башын кесип кетүүнү эңсеген эле. Барс бектин сөөгү табылбай коёт. Түрктөр ар бир карыш жерди сапырып, кыргыздарды кыйнап сурайт, аскерди жапырт издетет. Ошондо куу Тон-ёкук кыргыздын жүз алтымышка чыккан акылманын алдырып, андан сураптыр:
- Бу узак жашоодо, көптү көрүпсүң, чал, Барсбектин сөөгүн кайда экенин айтып бер?
- Аны эми бул жер үстүнөн таппайсың. Кайып болду,
- дептир аксакалы, – Аны Теңир колдоду.
Түрктөр да Теңирге сыйынчу эле, Барсбектин сөөгүн Тон-ёкук издегенин токтотуптур ошондо.
Түрктөр алсыраган кыргыздарга олчойто алым-салык салып, чоң олжо менен өздөрүнүн борбору Каракум шаарына кайтышты.
Түрктөрдүн кыргыздарды чаап алганын Тан падышасы кеч укту. Падыша Тан-шу Шуанзук (Ли Луцжи) өзүнүн жарлыгында кыргыздарды өтө баалап: «Алардын куралдары өтө өткүр экен, алар тайманбай согуш кылды» – деп жазган. Батышы Византияга, Чыгышы Пекинге (Бээ жинге) чейин кол салган түрктөр кыргыздарды чабаарын чаап алат да, кийинкисинен корк кон. Өздөрүнүн ордосун кыргыздардан оолактатып, Монгол иядан артка чегинген. Кайра кыздарын кыргыздын хандарына, бектерине күйөөгө берүүгө шашылган.
716-жылы каардуу түрк каганы Мочжо (Капаган) жы йырма үч жыл каган болуп каза табат. Түрк калкы катуу кайгырып, аза туткан, аны жоктоо салтанатына ааламдын төрт бурчунан көптөгөн элчилер, баатырлар, таш чегээр чеберлер, мөөр ээлери, бектер ж.б. келишет. Ага асемдеп кабырына ибадаткана салынып, таштан эстелиги тургузулат. Ал эми Капаган менен катар кыргыз ханы Барс бектин да сын таштан айкели кошо коюлган. Түрктөрдүн салты боюнча жеңилген хандардын айкелдери да баатырдын сөөлөтүн оболотуш үчүн жанаша кыркалай орнотулган эле.
Кыргыздар жеңилгенден кийинки мезгилдер тарыхта байкалбайт, кейпи чабылган кыргыздардын кийинки мууну жетилмейин ичтен дымып жаткан окшойт.
731-жылы белгилүү түрк баатыры Күлтегин да кырк жети жашында а дүйнө кетет. Ошондо, Түрк кагандыгына Кыргыз каганынын атынан көңүл айтканга Чур Тардуш Инанчу Чур деген элчи келген экен.
Буга караганда, бая тыйпыл жоголду деген Кыргыз кагандыгынын эрлери жетилип, кайрадан башы биригип, зоболосу көтөрүлүп, туусун сайып, кол күтүп, атын ойнотуп калган экен.
Кеңеш ЖУСУПОВ
ДОЛОН БИЙ
«Көркүңө көзү тойбой көргөн адам, Турасың көктү тиреп Долон дабан. Тасмадай татынакай жолуң турат, Илгери ашуучу экен атчан араң.
Билбедим санжырачы карыя айтат,
«Өлгөн» – деп ушул белде Долон бабаң!»
(Долон дастанынан)
Борбордук Тянь-Шанда Кочкор менен Нарын өрөөндөрүн экиге бөлүп, меридиян багытында созулуп жаткан улуу тоолордун нары-бери адам каттап турган ашуусун «Долондун бели» деп аташат. Демек, Долонду санжырачылар тарыхый инсан катары беришет. Экинчиден, санжырада Чынгыз хандын учурунда Кемден (Енисейден) көчүп келгенин баяндашат. Үчүнчүдөн, кыргыздын оңго жана солго бөлүнүштөрүн айрым санжырачылар Долондун Ак уул жана Куу уулунан башташып экиге ажыратышат. Чындыгында, Долондун санжырасын жазуу мен үчүн өтө татаал. Татаалдыгы Долон бийден кыргыз урууларынын таралышын жөн эле санжырачылардын айткандарына таянып будалап бере койбостон, колдон келишинче кыскартып, анын «этностук» түзүлүшүнө да токтоло кетүү керек. Менин жекече пикирим боюнча «кыргыз» деген этноним энчилүү ат болбостон, саясый бирикме. Экинчиден, кыргыздын түпкү таралышы байыркы «Түрк» атадан тарап чыкпастан, байыркы скифтерден пайда болгон бирикме. Кыргыздын алгачкы киндик каны тамган жер Кем (Енисей) эмес, азыркы «Бугда» тоолору болгон. Мен көптөгөн санжырачылардын айткандарына жана жазма маалыматтарга таянып, жекече ушул пикирге келдим. Бирок менин пикирим туура деп айтыштан алысмын. Балким, бул идеянын түп нускасы башкача болуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан Долон бийден аңгемебизди баштоодон мурун кыргыз элинин түпкү тегинен бир аз кабар берип кетсек туура болчудай.
Демек, Долон деген энчилүү ат. Болгондо да адамдын аты. Жер-суулардын аттары адам баласынын тиричилик турмушундагы тарыхый окуялардан алынгандыгы талашсыз. Калк тайпаларынын тарыхы болгон сыяктуу, жерсуулардын да тарыхы болуп келген. Санжырада Долон, Оргочор, Окторкой Енисейден көчүп келишкен аталардын аттары катары айтылат. Ошондой эле уламачылардын ургалдуу көпчүлүгү кыргыздын оңго жана солго бөлүнүштөрүн ушул Долон бийдин Ак уул жана Куу уулунан башталат. Ушул азыр кыргыздын этностук үч тобу бизге белгилүү. Кийинки кездерде санжырачылардын жана окумуштуулардын көптөгөн китептери жарык көрүп, кайсы уруу оңго же солго кирээри ошондо чагылдырылган. Алардын башка кыргыздын Сауласбектен тарагандар деп үчүнчү тобун таратышат, аларды кайталап берүүнүн бул жерде кажети жок.
Бирок айрым жазма маалыматтарга таянсак, кыргыздын оң менен солго бөлүнүшөрүн Долон бийден мурун эле болгону баяндалат. Аналхактын эки баласы Лурхан менен Лурбузурукка кара кытайлар менен болгон согуштан бирөөнө оң канаттын, бирөөнө сол канаттын аскерлерин башкартканы «Мад жму ат-Табарихте» баяндалат.
Бирок кийинки илимий булактарга таянсак, кыргыздар эң байыркы журт болуп, алардын оң жана солго бөлүнүштөрү биздин замандан мурунку мезгилде туура келип жатат. Аларды түрк тарыхчысы Алптур Баястын, Тибеттин байыркы аалымы Согон Шолонун, кытай тарыхчысы Юнь-Шэндын тилинде жазган байыркы жылнаамас ынан да көрүүгө болот. Кытайда көптөгөн байыркы жылнаамалар бар. Алар «Хансу», «Хуйсу» жана «Чантуу» тилдеринде жазылганы маалымдалат. Хансу тилинде жазылган жылнаамалардын маанисин кытайдын биздин замандан мурунку жылнаамаларын жазышкан СымаЧиен, Бан-Гу, Сунь-Иандын эмгектеринен алып Европа элдерине тараткан Н.Я. Бичурин деген адам болгон. Ал кезде кытайдын байыркы тилин, азыркы кытайлар көп түшүнө беришкен эмес.
Биздин кыргыздардын байыркы Орхон-Енисей жазууларын азыркы кыргыздар түшүнүшпөйт. Тилдин дагы өсүп-өнүгүү жолу бар экени талашсыз.
Көптөгөн санжырачылардын айтымына караганда кыргыздар Орто Азиядагы жашаган эң байыркы элдердин бири болуп, биздин замандан мурунку он бешинчи кылымдарда Туран мамлекетинин курамында болушуп, азыркы Тянь-Шань тоолорун мекендеп турушкандарын маалымдашат. Ал кезде Тянь-Шань тоолору – «Бугда тоолору» деп аталчу экен. Бугда байыркы кыргыздардын тилиндеги сөз. Азыркыча «Теңир» дегенди билгизет. Демек, кийинки эле мезгилге чейин азыркы Тянь-Шань тоолорун азыркы кыргыздар «Теңир Тоо» деп атап келишти. Кийин VII кылымда (жаңы замандын) кытайдын Сюан-Цзан деген окумуштуу саякатчысы келип «Бугда тоолорун» – «Асман тиреген тоолор» (Тянь-Шань) деп атаган. Ошол кытай саякатчысынын айтымы боюнча кийин Тянь-Шань тоолору деп аталып келе жатат. Демек, Долон бийдин тарыхын айтуудан мурун артка бир аз кылчайып көрөлү. Антпесек окурмандарга бир аз түшүнүксүз болуп кала турган.
Чыгыштын аалымдарынын айткандарына караганда Азия чөлкөмүндө «Теңир Ата Таритон» деген эпикалык адам болуп, анын Тур, Кур, Сар деген үч баласы болгону баяндалат. Анын тукумдары өсүп-өнүгүп олтурушуп, Азия дагы үч мамлекет пайда болот. Турдун тукумдарынан сегиз баласы болуп, алар өз ичинен туранийлер жана арийлер деп экиге бөлүнүшөт.
Туранийлер өзүлөрүнүн Туран мамлекетин курушат. Сардын тукумдары азыркы кытайлар. Алар өзүлөрүн сары адамдан, сары императордун тукумдарыбыз дешип эскеришет. Түрк тарыхчысы Алптур Баястын маалыматына караганда, Туран мамлекети төрт алтын казыктын ортосунан орун алып, Алтын казыктары Алтай, Памир, Бугда (азыркы Тянь-Шань), Урал тоолору деп аталып, бул мамлекеттин чыгышы – Хуанхе дарыясынан тартып, батышы – Бунай дарыясы, түндүгү – Шибер түздүгү, түштүгү – Кытай жана Индия өлкөлөрүнүн түндүк тараптары менен чектелишип, түштүк-батышы – Кара деңиз жана Мисирге чейинки зор аянтты түзгөнү маалымдалат, Туран мамлекети жөнүндө 1995-жылы 26-майда «Заман» газетасына Алптур Баяст ын «Түрк элдеринин түпкү теги, ата-журту» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган.
Кыргыздардын ошол Туран мамлекетинин гүлдөп турган учурунда эле бар экенин санжырачылар Омор Еркетановдун, Абды рахман Турусбек уулунун, Тоголок Молдонун, Элтерестин чыгыш аалымы Абдулхары көрөгөндүн эмгектеринде баян далат.
Кыргыз санжырасын жазган алгачкы адамдардын бири – Осмоналы Сыдык уулу 1914-жылы Уфа шаарынан жарык көргөн «Тарых кыргыз Шадмания» деген китебинде: «Кыргыз бабабыз Мукамбет байгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келиптир» – деп баяндайт. Демек, бул киши да баянын бекер эле жерден ойдон чыгарып жазбаса керек. Ошондой эле көптөгөн санжырачылар Тоголок Молдо, Абдыракман Турусбек уулу да кыргыздын байыркы элден экенин өзүлөрүнүн санжырасында эскеришет. Алексей Левшиндин маалыматында «Кыргыз этноними» Иса пайгамбар төрөлгөндөн кийин б.з.ч. 569-жылы император Юстин тарабынан Дизабулга элчи Земарк кайтып кетип бара жатканда жергиликтүү бийлик ээлери алтайлык бир кыргыздын сулуу кызын падышага тартуу катары бергенин, ага кошумча кылып көптөгөн кулдарды, өлүү дүнүйөлөрдү жөнөткөндүгү жөнүндөгү маалыматтар сакталган.
Ушулардын бардыгын салыштырып, мезгил аралыктарын өлчөп олтуруп, жогоруда эскерген кыргыздардын «Туран мамлекети» түзүл гөндө эле бар экендигин болжолдоого болот.
Буга караганда кыргыздардын алгачкы отурукташып, киндик кандары тамган жери Кем (Енисей) болбостон, азыркы Бугда тоолору болуп эсептелет. Демек, бир сөз менен айтканда, б. з. ч. жогоруда Алптур Баяс, кытай тарыхчысы Юнь-Шэндин ж. б. санжырачылардын айткандары туура болгонсуп турат. Алптур Баястын маалыматында ошол б. з. ч. мезгилдин XV кылымында арийлер туранийлерге кол салып «Туран мамлекетинин» таш-талканын чыгарат.
Эли убайрамга учурайт. Арийлердин зордугунан качып кыргыздар Кемге сүрүлүшөт. Кытай жана тибет тарыхчыларынын маалыматында гиягундар (кыргыздар) менен циягундар (жапандар) түбү жана теги бир эл болушуп, булар ошондо деңиздин ортосундагы «Сыймун» аралына барып баш калкалашат. «Сыймун» – азыркы жапан аралдары болуп эсептелет.
Ал «МАНАС» эпикалык чыгармасында:
«Сулаймандын тушунда,
Эл бузулуп ушунда,
Жабырга малын салыптыр, Кытайдан качып канча журт, Жапан болуп калыптыр.
Жапан атка конуптур.
Көтөрүш деген эри бар,
Сыймун деген жери бар!» – деп сүрөттөлөт.
Кандай гана эпикалык чыгарма болбосун анын түп нускас ы кымындай болсо да чындыктын бир илинчегинен алынат.
Арийлер кол салып Туран мамлекетин кулаткандан кийин Азия чөлөкөмүндө Гуннулардын күчтүү мамлекети түзүлөт. Туран мамлекети ошол арийлер басып киргенден кийин кайра оңолуп мамлекет болуудан калат. Бирок Казар (Каспий) деңизинин түндүк тарабында «туран ойдуңу» деген тилке гана ушул убакка чейин сакталып калды.
Ой тегеретип олтуруп, Теңир Ата Таритон менен Нух пайгамбар экөө бир кишиби деп ойлоого болот. Анткени жалпы жонунан окуя окшош үндөшкөнсүп турат. Окшоштугу Таритондун балдары – Кур, Тур, Саран. Булардын дагы бир окшоштугу Турдун да сегиз баласы, Жапыстын да сегиз баласы болгондугунда. Экөөндө тең ошол сегиз бала ичтеринен арийлер, туранийлер дешип экиге бөлүнүшөт. Мына буларга караганда Таритон менен Нух пайгамбар экөөнү бир кишиби деп бүшүркөөгө болот.
Айырмасы: «Кудай Тааладан уважип (кабар) келип, Нух пайгамбарга топон суу каптарын эскертет. Нух шашылыш кеме жасай баштайт. Кеме бүткөндө Нух өзүнүн үч баласын, үч келинин алып, өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүнөн урук, жан-жаныбарлардан эркек-ургаачыларынан тукум алат. Ошентип Нухтун камы бүткөндө күн жаап, жер жүзүн сел каптайт. Кырк күн көнөктөтүп күн куюп турат. Кырк күндөн кийин Нухтун кемеси «Кызкурт» тоос уна келип токтойт. Топон суу тартылып, жер бети калыбына келет. Ошондо баягы уруктарды сээп, жан-жаныбарларды жер жүзүнө коё беришет. Нухтун үч баласынан дүйнө жүзүндөгү элдер тарап чыгат. Таритондо топон суу жок. Анын балдарынан Азия чөлкөмүндөгү Иран, Туран, Саран деген үч мамлекетти гана таратып жатат.
Санжырачы Осмоналы Сыдык уулунда, ал түгүл андан наркы Хиванын ханы Абылгазы баатыр ханда да Жап ыстын улуу баласы – Түрк. Ошону үчүн булардан таалим алышкан кыргыздын санжырачыларынын 70 проценти кыргызды түрк атадан таратышып жатышат. Мындагы калпыстык жери жаңы эле топон суу каптап, мурунку калк кырылып калса, Түрк атабыз кайсы элге падыша болду? Баарыдан да жер жүзүн кыдырып келип, азыркы Ысык-Көлдү жактырып, ошол жерде падыша болуп туруп калганы укмуш. Маркум Абдыракман Турузбек уулунун санжырасында Түрктүн үч баласы болуп, улуусу – Түтөк, андан кийинкиси – Густан, кичүүсү – Саркан. Түрк ата өлөрүндө өзүнүн ордуна Түтөктү падыша кылып, Густанды Стамбулга, Сарканды Мисирге падыша кылып жиберип жатат. Топон суудан кийин кайдагы Мисир, кайдагы Стамбул? Эл жок болсо тигилер кимдерге падыша болушкан деген суроо туулат. Чындыгында, «Түрк» деген жаңы замандын IV–VII кылымдарында күчтүү мамлекет болуп турушкан. «Түрк» деген сөз күчтүү, кубаттуу дегенди билдирээрин кийинки окумуштуулар жазып чыгышты.
Кыргыздардын түпкү келип чыгышы боюнча санжырачылардын тогуз мектеби бар, алар: кыргызды – кырк кыздан таратуучулар, кыргызды – акеш шаадан таратуучулар, кыргызды – кырк густан таратуучулар, кыргызды – Салиакпадан таратуучулар, кыргызды – түрк атадан таратуучулар болуп уланып кете берет. Кийинки санжырачылар кыргызды байыркы Унулардан (гуннулар), сактар, усундардан таратуучулар да пайда болуп келе жатат. Кээде мезгил аралыктарын эске албай арадан беш-алты кылымды өткөрүп, кыргызга ата же ини кыла коймоюбуз да бар. Окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, белгилүү фольклорист, профессор Сапарбек Закиров да «Балыктын санжырасы» деп жети баштуу Желдеңди, кан ичээр Карачты, Сарыбайды, Отор ханды кыргыздын түпкү аталары кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Ал боюнча Абытай Өмүралиев да санжыра түрүндөгү китебин жарыкка чыгарып жиберди. Ыраматылык Сапарбек өзүнүн «Эл чыгармачылыгы – эл кенчи» деген китебинде да өзүнчө «Санжыра» (чежире) жана эл оозеки чыгармалары» деп дагы санжыра жөнүндө кабар берип кетет. Ал кезде Совет доору болуп, өзүнүн санжырасын кенен чагылдыра алган эмес. Ал Жаныбек хандын тушундагы Жээренче чечен, Толубай сынчы жөнүндөгү жомокторду санжырага айлантууга аракет кылганы байкалат. «Сак» деген сөз куштун канаты дейт. Атасы Улустун табышмагын башка эркек балдары таба албай коюшуп, Салима деген кызы таап, атасынын ордуна падыша болгону баяндалат. Санжыра жазуу өтө татаал иш. Бир эле кишинин санжырасы менен аны түзүүгө болбойт. Кеминде отуз-кыркка жакын санжырачылардын кол жазмаларын жыйнап, аларды салыштырып, оркоюп калган жерлерин оңдоп, мезгил аралыктарын эске алып, илимий-жактан текшерип, анан санжыраны түзсө болот. Санжырачылар Тоголок Молдо, Муратбек уулу Асанбектин, Жума уулу Абдыкадырдын санжыраларында кыргыздын түпкү аталарын «Сиф» деген элден таратышат. Айрыкча Тоголок Молдо саяктардын санжырасын жаз ууда: «Биз саяктар байыркы «Сайрак» деген элден чыгыппыз» – дейт. Кийин тактай келсек «Сиф» деген сөз – байыркы Скифтер экен. «Байыркы хуйсу тилиндеги Юнь-Шэндин Тибет аалымы Согон Шоро менен Тоголок Молдонун санжырасы үндөшүп тургансыйт. Аны түрк тарыхчысы Алптур Баяс да ырастайт. Тоголок Молдо өзүнүн санжырасын жазууда, балким, бир жерден болбосо да бир жерден Юнь-Шэнь менен Согон Шоронун эмгектерин кездештирип, кыргыздын түпкү тегин «Сиф» деп жатканы ошондон болсо керек деп ой жүгүртүүгө болот.
Тарыхта скифтер Кара деңиздин түндүгүндө жашашкан элдин жалпы аты. Бул элдин качан пайда болгондугу жөнүндө тарыхчылар бир пикирге келише элек. Биздин заманга чейинки VII кылымдын 70-жылдарында скифтер Кичи Азияны, Сирияны, Палестинаны басып алышкан. Алгач Киммерийлерди өзүлөрүнө каратып алгандан кийин сөзгө алынган. Рим тарыхчылары, айрыкча Геродоттун маалыматы боюнча скифтердин байыркы эл экенин, алар бир нече уруу тайпаларынан турушарын жогорудагы окумуштуулар баса көрсөтөт.
Египеттин «Бехичут» деген жеринен шынаа түрүндөгү жазуу табылган. Аны окуй келгенде скифтердин үч бутагы жөнүндө баяндалат. Мындай жазуулар көптөгөн аска беттеринен да табылган. Ирандагы Персеполдун жанынан табылган жазуу да Египеттеги Бехичуттун жанынан табылган жазууга окшош. Скифтер биздин замандын үчүнчү кылымына чейин жашап, кийин алардан калган элдер «Сактар» деп аталып кеткенин тарых ырастайт.
Кыргыздардын наамы ошол сактар, усундар жана гуннулар менен катарлаш бир замандаш катары учурап жатат. Теңир ата Таритон жогорудагы аттары айтылган окумуштуулар скифтердин бир бутагынан деп жатышат. Андан кийин Ирандагы «Накш-и-Рүсөм» деген жерден дагы бир жазуу бар экенин далилдеген. Анда: «Сакатйаий парадрай» деген жазууну азыркы окумуштуулар «Деңиздин же дарыянын наркы өйүзүндөгү сактар» деп окушуптур. Дагы «Сака-Хаумаварга» дегени да бар. Анысы «Чекендиден дары жасоочу сактар же чекендиге сыйынуучу сактар» деген сөздү билгизээрин айтышат. Үчүнчүсү, «Сака-тигархауда» деп аталып, анысы шоңшогой калпактуу сактар» деп окулат имиш. Тарыхта Александр Македонский өзүнүн сансыз аскери менен Борбордук Тянь-Шанга басып киргенде анын окумуштуу тарыхчысы Потоломей деген адам «Меридиан» багытында созулуп жаткан тоолордо, анда жашап турушкан «шоңшогой калпактуу токой кишилерин» көргөнүн жазган. Ушундай көптөгөн маалыматтарга таянып, белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, этнограф, профессор Сабыр Аттокуров ошол шоңшогой калпактуу сактарды азыркы саяктардын ата-бабалары ошол сактардан келип чыккандыгын божомолдойт.
Бул жерде айталы дегенибиз, кыргыздын алгачкы киндик каны тамган жер Кем (Енисей) эмес, Азыркы «Теңир тоо» аймагы экенин жекече пикир катары айта кетүү. Анткени Долон бийдин, Оргочордун, Ырыс (Орус) хандын Енисейден көчүшүн, азыркы Ала-Тоодогу конушуна келишин санжырага жана илимий булактарга таяп далилдөөгө аракет кылуу.
Санжырада 1207-коён жылы Кемди жердешкен кыргыздар бейгам жашап турушкан. «Жажут-мажут» деген тажаалдар чыкканын, аларды адам жеңе албастыгын, айланасындагы калк тайпаларын кырып-жоюп келе жаткандарын кеп кылышып дөңдө бир топ айыл аксакалдары олтурушту. Ошол кездеги енисейлик кыргыздарды, Ырыс ынал башкарып турган экен. «Ынал» деген сөз башкаруу чуга берилген титул экенин тянь-шандык кыргыздар билишкен эмес. Ала-Тоолук кыргыздар башкаруучуларын «бий», «хан» деп аташат. Көптөгөн санжырачылардын маалыматында Ырыс ыналды – Ырыстар хан деп да атап жүрүшөт. Жазма маалыматтарда Урус ынал, Орус ынал деп да аташканын угуп да, айрым жазмалардан окуп да жүрөбүз. Ошол Ырыстар хандын тушунда дээрлик кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү Кемди (Енисей) жердешкен. Көчмөн эл болгондуктан мал оторлотушуп, азыркы Монголиянын түндүк тарабындагы, Алтайдагы, Бугда (Тянь-Шань) тоолорунун этегиндеги эбегейсиз зор аянттарда көчүп-конуп жүрүшкөндөрү баяндалат. Белек Солтоноевдин маалыматына караганда түпкү теги «Кыят» (Кыянт) деп аталган түрктөрдүн тукумунан чыккан адам монголдордун арасына келип калып, алардын улустарын башкарат. Ошол «кыяттардын» тукумунан чыккан Буданчдан тартып, туура 9 атадан кийин Есугейге келип, андан «Дэлун» деген булакта Темирчи төрөлөт. Кыскартып айтканда, элдик курултайдан кийин Темирчини – Чынгыз хан деп аташып, дүйнөгө белгилүү болот. Жогорудагы «Жажут-мажут» дегендери ошол Чынгыз ханды айтып жатыш каны.
Кемдеги 1207-жылы дөңдө олтуруп сүйлөшүп олтургандар уруу башчылары эле. Алардын арасында Долон да, Оргочор да, Ырыс хан да бар болуучу. Ошол учурда куду асмандан түшө калгансып Ырыстар хандын үйүнө Чынгыз хандын Супатай баатыры башында турган монгол элчилери пайда болду. Айыл адамдары «Коноктор келгенин» дөңдө олтургандарга кабар лашты.
Мурунтан суук кабар угушуп, чочулап олтурушкан айыл аксакалдары бири-бирин карашты. Анын астында эле Чынгыз хандын аскери талкалагандан калган, тентип калышкан качкындардын сөздөрүн кунт коюп угуп олтурушкан. Олтургандардын төбө чачтары тик турду. Ант кени тигил качкындар Чынгыз ханды жан аябай жамандап жаткан. Анын аскеринин ырайымсыздыгын, кокус аскеринен жаралуу болушса аларды ашка-жүк, башка жүк кылбай баары бир өлтүрүп салышарын айтып олтурушкан. Бул болсо кулак угуп, али көз көрө элек мыкаачылык эле.
Сырттан басып киришкен душмандар көп болгондуктан ал кездеги эр бүлөлөрдүн баары тең жоокер боло турган. «Жоо келди!» деген кабарды угушса чай кайнамга жетпей жоокерлер курал-жарагы, коштогон бирден аттары, азык-түлүгү менен даяр болушчу. Ар бир он жоокердин башында он башы, элүү башы, жүз башы болуп жүрүп олтуруп, түмөндөргө токтолушкан. Түмөндөр жалпы жонунан башкы командачыга баш ийишкен. Жөн эле топураган эл болбостон, согуштук тактиканы билишкен, темирдей тартиби бар кадимки жоокерлерден болушкан.
Жеке эле ал жоокерлик түзүлүш кыргыздарда эле болбостон, бардык калк тайпаларында кездешкен. Чынгыз хандын улуу армиясы дагы ушул эле тартипте болгон. Ал кездеги жоокерлердин куралдары: кылыч, найза, айбалта, чоюнбаш, айрымдарында кадимки эле көк союл болгон. Жоокердик кийимд ери: зоот, төөнүн терисинен жасалган чопкут, беш кабырга белдемчи, колдоруна калкан алып жүрүшкөн. Алыскы жолго ылайыкташтырып жасалган күлазыгы болгон. Аны кийиктин же жылкынын кара кезек этин туурап, кайра кургатып, жаргылчакка тарткан. Ага эжигей аралаштырып жасалган курутту теңме-тең кошуп, майдалап, ага сары майга аралаштырган актаган таруунун талканын кошкон. Шашылышта бир уучун жан аякка салып, эзилген сүзмөгө аралаштырып, жутуп алышып кете беришкен.
Жоо менен согушуунун да өзүнчө тактикасы болгон. Жоонун колу сан жагынан артыкчылык кылса, анда «ит урушу» деп аталган ыкманы колдонгон. Басып кирген жоолорго «кол байлоо» ыкмасын тандап алышкан. Анда коктулардын ооз жагына алачыктарды тигип, анын чеке-белине аксак-тескек чабырларды байлап коюучу. Жоо колу «олжо» алабыз дешип, айыл-айылдарга тараганда буктурмада жатышкан жоокерлер чыга келишип, капарсыз жүрүшкөн душмандарын кырып салышкан. Кыз-келиндер да согушка катышкан. Алар да эркекче кийинишип, колдоруна жебе, жаа алышып, бута атым жерден согушкан. Айрым учурларда чабуулдарга катышып, эркектерден кем калышпай, оңду-солду кылыч чапкан кыраан эжелер да болгон.
Мына ушинтип кыргыздар башынан жоокер эл болушкан. Чынгыз хан аны билген. «Мага кыргыз караса, мен кылымды каратам» деген сөзү лакап болуп калды. Ошондуктан өз ноёндорунун ичинен элчиликке түлкүдөй куу, митайым Супатай баатырды тандап, ага кадырлуу, жөн билги кишилерди кошту. Ырыстар ханга жана айыл аксакалдарына ар түрлүү белектерди камдады. Кытайдан тартып алынган алтын аралаштырып жасалгаланган буюмдарды аяган жок. «Түрк ичинде тогуз» деген расмини колдонду. Ал тогуздалган тартуу эле. Анткени түрктөр IV–VII кылымдарда күчөп улуу держава болуп турганда, көчмөн кыргыздар да ошол түрк мамлекетинин таасиринде болушканын Чынгыз хан жакшы билген.
Элчилерге кыргыздар ошол эле замат жооп берген жок. Биздин «ата-салтыбыз» демиш болуп, туура тогуз күнү элчилерди сыйлап багып жатышты. Ошол тогуз күнгө чейин сегиз суунун өрөөнүнө чабарман жиберип, эл билген жакшыларды чогултушту. «Миң суу» аймагындагы «Көкдөбөгө» жыйын куруп жатышты. Сакалы белине түшкөн Элтерес карыя элге кайрылып, Чынгыз хандын Ырыска жазган катын көргөздү.
- Жамагат! Кулак салгыла. Улуу каган Чынгыз хан Ырыстар ханга кат аркылуу кайрылыптыр. Анда: «Кыргыздар менин бийлигиме баш ийип карап берсин! – дептир. Биз баатыр кыргыз жоокерлери менен бирдикте дүйнө жүзүн каратып, байпагыбыз макмал, көңүлүбүз шатман болуп, кыргыздар менен монгол эли түбөлүккө биригип, экөөбүз эки элге падыша болуп Чынгыз, Ырыс болуп жата берели.
Мен кыргыздардан алык-салык албайм! Мага дүйнө жүзүн каратып, көп олжо алыш үчүн кылычы курч баатыр жигиттер, учкаяк тулпарлар гана керек».
Бул сөздү уккан кымыз ичип, эт жешип, бекерчиликтен колдору кычышып араң турушкан эр жүрөк жигиттердин делебеси козголду. Канатташ олтурушкан калмактар менен кагылышып, жылкы тийип жүрүшкөн жигиттердин жүрөк кандарын ээлентип салды. Бул иштин келечеги кандай болорун билишкен жок. Баары бир ооздон Чынгыз хандын кол астында карап берүүгө макул болушту. Ошентип бул иштин баш-аягын ылгабай туруп эле калк арасындагы жээликкен жигиттер чечип коюшту. Чынгыз хан жөнүндө көбүрөөк уккулары келди. Ошентип олтургандар Элтерес карыядан Чынгыз жөнүндө билгенин айтып берүүнү өтүнүштү. Ошентип Элтерес Чынгыз хандын түпкү тегин чечмелеп айтып олтурду.
- Тарыхта Угуз хандын алты уулу, андан 24 небереси болот. Ошол Угуз хандын неберелеринин аты Элхан, андан эки уул төрөлөт. Бирөөнүн аты Кыят (кыргызча Кыян), аны кыргызчалаганда кадимки эле кыян дегенди билдирет. Күн карарып, түнөрүп келип нөшөрлөп, төгүп киргенде, жамгырдан пайда болгон суу жерге сиңип кетүүгө үлгүрө электиги, көлчүккө айланып, анан ташкындап кыян жүрөт. Ал албууттанып, жолунда кездешкендердин баарын өзү менен кошо ала кетип, ага такаат кылган эч нерсе болбойт. Так ошондой албууттанган Кыятка жоо беттеп чыга алган эмес экен. Ошону үчүн баланын атын Кыят коюшат. Андан тараган тукумдарына да жоолор туруштук бере алышкан эмес экен. Дагы бир вариантта ошол кыяттардын түпкү тегин кыргыздар узун бойлуу, кең далылуу, көзү көк, өңү ак жуумал болгон дешет. Ошол кыяттардын тукумунан жүрүп олтуруп Курлас деген уруу пайда болгонун айтышат. Ошо Курлас уруусунун башкаруучусу Жылдыз хан деген болуп, анын небереси ДайынБаянды кийин хан шайлашкан. Ошол эле Курластын дагы бир бутагынан чыккан Алангү деген кызды ДайынБаянга алып беришип чоң той жасашат. Демек, кыздын да, Дайын-Баяндын да түпкү сөө гү – Кыят. Тагдырдын жазуусу болсо керек. Дайын-Баян отузга чыга элегинде опаат болот. Ошентип Дайын-Баян менен Алангүдөн эки бала калды. Атасынын ордуна хан болуучу балдары жаш.
Күйөөсүнүн ордун Алангү ээледи. «Балдарым чоңойгончо өлкөсүнө өзүм баш-көз болуп турам» – деди. Алангү акылдуу жана сулуу аялзатынан эле. Аны алууга туш-туштан жуучулар келе баштады. Алангүгө көзү түшкөн ДайынБаяндын туугандарынан да бар эле. Бирок Алангү алардын бирөөнө да макул болбоду. Ал: «Күйөөмдүн арбагы тирүү. Мен эч кимисине күйөөгө чакпайм. Кийин балдарым чоңойгондо бийликти балдарыма өткөрүп берем!» – деп жуучу түшкөндөрдүн эч кимисине болбой коёт. Күндөр жылып өтө берет. Күндөрдүн бир күнүндө Алангү таңга жуук ойгонот. Аңгыча асман жарык болуп, түндүктөн бир нур түшөт. Ал нур сары сакал, көзү көк, ак жуумал адамга айланат. Алангү чочуп кетип кыйкырып нөкөр аялдарды ойготкусу келет. Бирок үнү чыкпайт.
Кыймылдоого шайманы жок. Ошентип жанагы сары сакал киши чечинип, Алангүнүн койнуна жатат. Мындай окуя бир нече жолу кайталанып, акыры Алангү жанагы керемет адамдан боюнда болуп калат. Жуучу түшкөндөр, эл-журту мындай наадандыкка нааразы болушат.
- Бу кандай? Биз жуучу түшсөк, бизге болбой ойнош ойногону эмнеси? Алангү буга:
- Мен анчалык эле эрди кааласам, нечак бирөөнө ти йип алмакмын – деп болгон окуяны ирээти менен айтып берет.
Нөкөр катындар да Алангүнүн эч кимге жолобогонун ырас ташат.
Бирок ага жуучу түшкөндөрдүн чырагына май таамп, Алангүнү – аны кайтарган катындарды жалганчылыкка чыгарышат.
Кудай мени шерменде кылгысы келбесе, жанагы кишини дагы жиберээр. Өз көзүңөр менен көргүлө! – деп, баягы ишенбегендерди аңдытат. Көп узабай асмандан түшкөн кереметтүү нурду көрүшөт. Нур кишиге айланып, Алангүнүн койнуна жатканынан өйдө көрүшөт да тим болушат.
Алангүнүн эрсиз төрөгөн улуу уулунун атын Бугун Катаган дешти. Андан «Барча катаган» деген эл тарап чыкты.
Ортончусунун атын Бусак Жалчы деп атады. Андан Жалжут эли тарап чыкты. Кичүү баласынын аты Буданчар. Жалпы жонунан бул үчөөнөн тарагандарды «Арбун Бурун» деп аташты. Аны түркчө которгондо «Аруу-Такын» дегенди билдирет. Биздин тилге которсок «Закым нур» деген сөздү билдирет. Демек, Чынгыз ханды хан шайлаганда ушул жагын эске алышкан. Буданчардан Токо, Томо деген эки уул болду. Токону атасынын ордуна хан шайлашты. Токо өлгөн соң анын ордуна Дутма хан болду. Анын 8 баласы болуп, сегиз уруу эл тарады. Ошол сегизинин ичинен тың чыкканы Кайду деген баласы болуп, атасынын ордуна аны хан шайлашты. Кайдудан Байшумкар. Андан Түмөн хан. Андан Кабыл. Андан Барбан, андан Есугей. Есугейдин беш баласынын бири Темирчи – Чынгыз хан деп Элтерес сөзүн бүтүрдү.
Эми ушул жерден артка бир аз кылчаялы. Тогуз атасынан бери Чынгыз ханга чейин баары тең сары сакал, көзү көк, ак жуумал адамдар болуп келишкендерин жогоруда айткан элек. Демек, кыргыздардын да ушул эле түспөлдө экенин эскертип келе жатабыз. Ошондуктан мусулман тарыхчылары ивн Мухафа, ивн Хордарбек, ивн Гардизи ж. б. кыргыздарды славяндардын тууган-туушкандары деп болжолдошкон. Айрыкча орустарга жакындыгын баса көрсөтүшкөн. Төрөлгөндө орустун энеси өлүп калып сары тайгандын эмчегин ээмп чоңойгонун, орус – сары итти билдирээрин, ал эми «ус» – эрин дегенди билдирет дешкен.
Жанагы асмандан түшкөн кереметтүү нурду «Кыргыздардын бир укум-тукумунан болсо керек деп болжолдошот.
Эмесе, кайрадан Долон бийден баштайлы. Демек, кыргыздын ээленген баатырлары согушту, атак-даңкт ы эңсеп Чынгыз ханга кошулууну каалашты. Муну айрым карыялар да кубатташты. Элтерестин уулу Жумадил баатыр баш болуп, өзүлөрүнчө «түмөндөрдү» түзүштү. Чынгыз ханга алтын ээр токулган Акбоз атты тартуулашты. Ошол тартуулардын ичинде сейрек кездеше турган аппак, буту, көзү боёгондой кыпкызыл кыраан шумкар бар эле. Ошондой эле Чынгызга дешип кыргыздар белекке курч кылычтарды, найзаларды, жааларды да даярдашты. Өзүнө ок өтпөгөн зоот, туулга жасатты рышты.
Кийин ошол тартуулардын Чынгыз ханга жакканы Акбоз ат менен ак шумкар болуптур. Бул кабар жалаң эле санжырада чагылдырылбастан, жазма маалыматтарда учурай калып келе жатат. Ошентип тогуз күндөн кийин коён жылы 1207-жылы кыргыздар Жумадил баш болгон өзүнүн түмөндөрүн Чынгыз ханга жөнөтүштү. Элчилер да ханга арнаган тартууларын алышып, кошо кетишти.
Мына, Чынгыз ханга кыргыздардын карап бергенине сегиз жыл толду. Кеткен жоокерлерден кабар болбоду. Улам кыргыздардан түзүлгөн жоокерлерди удаа-удаа жөнөтүп турушту. Элди Ырыстар хан эмес эле монголдордун коюп кетишкен адамдары башкарып калышты. Элден кут качты, жерден береке кетти. Элдин абалы оордоп, жетимжесирлер көбөйдү, – деп жазат Осмоналы Сыдык уулу.
Көрсө, Чынгыз хан барган жоокерлерди эң күчтүү жоо нун бетине салып, катуу тартип менен «Жең! Же өл» деген бир максат менен сан жагынан да, күч жагынан да артыкчылык кылышкан душмандардын бетине салышты. Эгер жоодон качкандары болсо, аларды «коркоктор» деген шылтоо менен монголдор куралсыздандырып туруп, өзүлөрү кырып таштаган учурлары болду. Башка элдерден куралган аскерлерди кыңк этишпей монголдорго баш ийүүгө мажбурлашты. Катуу тескөө коюшуп, качкындар менен аёосуз күрөштү. Жаралуу болуп, согушка катыша албагандарды, ашка жүк-башка жүк кылдырбай өзүнчө түзүлгөн «мыкаачылар» тобу деп атайын баш кесерлерге кырдырып турушту. Бирок эл деген эл да, баягы атакдаңкты эңсешкен жоокерлерден бирин-серин эле калышты. Бирин-серин тирүү калышкандар көптөгөн машакаттарды, азап-тозокторду тартышып, Кемге барышкандар да болушту. Ансыз да монголдордун зордук-зомбулугун көрүп жатышкан эл нечен жолу көтөрүлүштү. Бирок тутанган жалынга суу куюп өчүргөн сыяктуу бат эле көтөрүлүшчүлөр талкаланып калышты. Айла кетти. Эми көтөрүлүштөн пайда жоктугун түшүнүшкөн жергиликтүү кыргыздар тентип-тербип, тукумдарын сактап калууга аргасыз болушту. Баягы «Көк дөбөгө» монголдордон жашыруун дагы жыйын курушту. Баягы эле сакалы белине түшкөн кутмандуу карыя Элтерес карыя дагы калкка кайрылды. Бул саам үнү каргылданып, сакалынан ылдый жашы таамп, арык эти качкан калтыраган колу менен жашын кайта-кайта сүртүп:
– О, Жамагат! Менин айткан сөзүмдү уккула! Сары сакал доңуз (Чынгыз ханды айтып жатат) убадасынан тайды. Балдарыбызды кыйын жоонун бетине салды. Андан жаралуу болгондорду да эли-жерине жибербей кырып жатыптыр. Кем бизге жер болбой калды. Ата-бабаларыбыздын киндик кандары тамган Бугда тоолоруна (ТяньШань тоолоруна – Ж.К.) баргыла. Ал жерде арийлердин кесепетинен Кемге сүрүлүшпөй калышкан туугандарыңар: катаган, кайчык, карасакал, канды-моюн, тору, жабай, төбөй уруулары калышкан. Ошол тууганыңарды тапкыла! Нары Алакөл (Арал деңизи) тарапта оргу, лалым, сунжек, кызыл сакал, чапырышты деген Сауласбек атанын тукумдары калышкан. Илгертеден: «Туугандын турпагы – алтын» деген макал бар. Ошолор менен ымалалашып оокат кылгыла. «Кыргыз» деген наамыңарды сактап, тилиңерди, дилиңерди, ата-мурас, каада-салтыңарды сактагыла – деп дагы-дагы бир топ кеңештерин айтты.
Эми ардактуу окурмандар, артка бир аз кылчайып, санжыра сандыгынын оозун ачып, байыркы кыргыз урууларынан аз да болсо кабар бере кетели. Осмоналы Сыдык уулу эле: «Кыргыз ата Мукамбет байгамбардан 3400 жыл мурун пайда болуптур» – деп жатат. Аны жогоруда эскерип айтып кеткенбиз. Баса, илимде адам баласынын пайда болгонуна үч миллион жыл болуп, анын пайда болгон кезин «Антропоген мезгили» деп атап келишкен. Бирок кийинки учурда дагы жаңы табылгаларга таянып кыргыз илимпозу, академик, геология жана минералогия илимдеринин доктору, профессор Апас Бакировдун айтымында адам баласынын пайда болгонун андан да узагыраак мезгилди айткан. Анын илимий изилдөөлөрү туура чыгып, жакында эле Африкадан адамдын ташка айланган калдыктары табылды. Мурунку көз караш түп-тамырынан бери өзгөрүп, адам баласынын пайда болгон мезгили Неогендин эоцен мезгилинин акырына чейин созууга туура келди. Бул жерде айталы дегенибиз, ушунчалык узак мезгилдин ичинде али бизге белгисиз кыргыздардын эле канча уруулары бар дейсиз. «Манас» эпосунан эле кыргыздарга таандык 220 уруулар табылды. Кыргыз «Кырк уруу эл» дегенибиз жаңылыштык. Азыркы кыргыздардын ири уруул ары оң менен солдун тукумдары, ичкилик Сауласбектин тукумдары кечөөкү эле жаңы замандан беркиси. Эми кайрадан Элтерестин сөздөрүнө кулак төшөйлү.
Ошондо биринчилерден болуп Долон бий өз улусу менен көчүп чыккан. Долон бийдин түпкү теги кыргыздын байыркы Багыш уруусунан. 1495-жылы жазылган «Мажму атТабарихте» Аналхактан таралган аталар Долон бийге чейин 23 атаны түзүп жатат. Бул болсо элдин эсинде калган гана согуштагы аскер баштыктары болуп эсептелет. Демек, бул жерде 23 ата өттү деп түшүнүшпөстөн, Аналхактан Ак уулга чейин 23 жолу согуш болуп, ошондо оң канаттын башында жогорудагы аскер башчылары жетекчилик кылышкан деп түшүнүш керектигин көптөгөн Еркатанов башында турган санжырачылар эскерет. Оргочор менен Ырыстар хан Эштек уруусун кошуп келишти. Эштектерден ушул азыр көл башында аз гана тукумдары бугу элинин арасында бүгүн барсаңыз да бар. Жаңы жерде да бейпил турмуш болгон жок. Бир топ жылдардан кийинби же ошол Долон бийлер көчүп келишкен туштабы, айтор, монголдор Бугда тоолоруна да келип калышыптыр.
Жебе ноёндун аскерлери каптап киришти. Долон бийди белде өлтүрүштү. Долон минген кара жоргосуна ок тийип өлгөн тоонун атын «Кара жоргонун тоосу» деп аташты. Белин «Долондун бели» деп аташып, ошол кезден ушул кезге чейин «Долондун бели» деп аталып келе жатат. Оргочорду болсо Ысык-Көлдө өлтүрүшүп, анын сөөгү коюлган жер – «Оргочор» деп аталып турат. Оргочордун уулу Окторкойду кууп жүрүшүп, аны кармап өлтүрүшкөн жер – азыркы «Окторкой» деп аталып турат. Эми Багыш уруусу да өз ичинен бир нече урууларга бөлүнүштү. Долон менен Тагай бийден тарагандар «Чоң багыш» деп аталды. Ырыстар ханды болсо колго түшүрүп, жазасын Чынгыз хан өзү берсин дешип хан алдына алып келишиптир. Чынгыз хан: «Өз сөзүндө турбаган чыккынчы» катарында баалап, адегенде белин сындырып туруп, тирүүлөй киши жегич иттерине салып берген дешет. Кийин багыштар өз ичинен кара багыш, сары багыш, чоң багыш болуп бөлүнүшөт.
Энесайлык кыргыздар ошондон кийин таруудай чачылышат. Бир топ кыргыз уруулары Хинган тоолоруна барышып отурукташат. Алтайда, Түндүк Монголияда төбөйлөр – азыркы «Туба» элинин уюткусун түзүп турат.
Эми Долон бийдин Ак уулунан көпчүлүк санжырачылар Адигине, Тагай, Монкуш, Наалы эжени таратышат. Долон менен Ак уулдар жогору жактагы маалыматтарга ишенсек, XIII кылымдарда жашаган адамдар болуп жатат. Тагай менен Адигине көпчүлүк тарыхчылар айткандай, XIV кылымдын аягында, XV кылымдын башында жашаган адамдар. Булардын сөөгү Турпанда экенин Белек Солтоноев божомолдойт. Демек, Ак уулдан Адигине-Тагайга чейин кеминде – үч-төрт ата көмүскөдө калган сыяктанат. Бул жерде айталы дегенибиз Саяк, Черик, Азык Тагайдын асыранды балдары болбостон, Тагай түгүл анын чоң атасы Долондон да алда канча мурун наамдары жазма маалыматтарда жолугат.
Казактын Тоосары уулу Казыбек бектин «Түп атаман өзүмө чейин» деген 1770-жылдардагы кол жазмасында саяктардын 890-жылдары Чүй суусунун боюна Саян тараптан көчүп келгени баяндалат. Көптөгөн кытай, араб, перс саякатчылардын маалыматтарында жана Тагиржановдун «Кыргыздар жана кыргыз жергеси» аттуу китебинде, азык, черик, коңурат, саяк, барын, алчын, кызыл аяк Анвар Байтурдун эмгектеринде төрү, төбөй, эшим, эштен ж. б. байыркы кыргыз урууларынан экени баяндалат.
Айрым уламыштарда кыргыздын оң жана сол канаттарга бөлүнүштөрүн Долон бийдин Абыл (Ак уул), Кабыл (Куу уул) деген балдары менен да байланыштырат.
Бийдин байбичеси эгиз уул төрөйт. Той беришип, эл тарай электе эки балага ат коюу аземи болот. Ошондо көпчүлүк эл: мурун төрөлгөнүнө Абыл, кийин төрөлгөнүнө Кабыл деп ат коюшат. Ошол учурда айрым санжырачылардын айтуусуна караганда балдардын энеси: «Эл журт! Силерге эп келсе, мына бул Абыл деп атын койгон оң бөйрөгүмдө жатты эле, андан тараган тукумдар «оң» деп аталсын, Кабыл деп атын койгон бала сол бөйрөгүмдө жатты эле. Анын тукумдары «сол» деп аталсын!» – деп байбиче айтып, ошондон баштап, кыргыздын оң жана сол канаттары пайда болгон дешет. Санжырачы Мукаш Найман баев муну башкача айтат: «Долон бийдин байбичеси эки монтойгон эгиз бала төрөп, жогоруда айткандай эле алардын аттарын Абыл, Кабыл коюшат. Абылын кийин Ак уул деп аташып, Кабылын Куба уул дешип аташат. Экөө чоңойгондо чүкө талашып уруша бергендиктен экөө чогултушкан чүкөлөрдүн оңун бирине, солун бирине берип жараштырышкан дешет. Демек, оң чүкө алган балдарынын тукумун оң, сол чүкө алганынын тукумун сол деп аташып калган» деген маалыматты берет. Ушундай эле уламыштын айрым санжырачылар балдарына энчи бөлүштүргөндөн чыкканын да баяндашат. Атасынын оң жагында олтургандардын тукумдары «оң», сол жагында олтургандардын тукумдары «сол» деп аталып калышкандарын айтышат. Айрым жазма маалыматтарга караганда кыргыздын оңго жана солго бөлүнүштөрү тууралуу ондон ашык маалыматтар эл оозунда айтылып жүрөт.
Чындыгында, Долон бий тарыхый адам! Ал уламада кадимки «Багыш» уруусунун өкүлү катары берилет. Санжырачы Эсенгул Төрөкановдун айтымына караганда Долон бий менен Ырыстар хан экөө бир тууган имиш. Ырыстар ханды жазма маалыматтарда «Орус хан» дешип аташса, санжырачы Абдырахман Турусбек уулу Ырыс хан деп жүрөт. Көл башындагы санжырачы, бугу элинин Арык тукумунан чыккан Еркетанов Омордун айтуусунда
«Ырыстар хан» деп айтылат. Анын айтымына караганда Долон, Ырыстар хан, Оргочор үчөө бир тууган имиш.
Үчөө Кемден (Енисейден) Чынгыз хандын кылган кысымына чыдабай көчүп келип, «Теңир тоо аймагындагы» жерлерге жайгашкан. Уламада жана санжырачы Абдырашиддин айтымына караганда азыркы жердин аттары: «Каркыра», «Мундуз», «Жылдыз», «Кундуз», «Макмал», «Бурхан» ж. б. ошол Долон мезгилиндеги энелердин ысмылары менен байланыштуу болуп, алар жөнүндө кызыктуу аңгемелер айтылып жүрөт. Мисалы, «Бурхан» энебиз Долон бийдин Ак уулунун аялы болуп, касиеттүү адам болгон дешет. Ал киши неберелеринин аттарын (Орозбак менен Дөөлөсбек) бирин – Бугу, бирин – Багыш деп атагыла деген осуятын айтып кеткен экен. Ошол байбиченин наамына кичи Нарындын башталышындагы суунун атын «Бурхан суу» дешип аташып, ал ушул азыр да агылып, сапарын улантууда. Ошол эненин кабырстаны анын оң жак өйүзүнө коюлуп, аны мартабалуу «мазар» катары көрүшүп, сыярат кылышчу деп айтышат. Геологиялык чалгындоо жумуштарын ошол өрөөндөрдө жүргүзүп жүрүп, атайын эле издеп бардым. Чын эле ошол оң жак өйүздө тегерек таштар тизилген байыркы мүрзөлөр жатат.
Ал мүрзөлөрдүн кайсы заманга тиешеси бар экендигин ажыратуу кыйын. Аларды аныкташ үчүн атайын археологиялык казууларды жүргүзүп, тарыхчылар изилдесе болчудай. Алардан эки чакырым төмөн жагында да ошондой эле тегерек таш тизилген бир нече жерлердеги аймактарды көрдүм. Булардын кайсынысы Бурхан энеге тиешеси бар экенин кудай акы биле алганым жок. Бирок уламышта айтылган Бурхан эненин ысмы менен байланышкан суу бар экендигинде талаш жок. Ал суу Тоңдун сыртындагы «Жылуу сууга» чейин «Бурхан суу» деп аталып келип, жылуу суудан баштап, «Балгарттын суусу» деп аталат. Бирок ошондой болсо дагы изилдей келсек мезгил аралыктары туура келбей жатканы бул уламыш жөнүндөгү айткандарды жокко чыгарат. Эмесе, урматтуу окурмандар! Ошол мезгил аралыгына токтололу.
Өзүңөргө белгилүү Долон бий менен анын уулу – Ак уул он үчүнчү кылымда, Чынгыз хандын учурунда жашап өткөн адам катары туюнтулуп жатат. Санжырада да, жазма маалыматтарда да Долон, Ырыстар хан, Оргочор Енисейде жашап турушуп, жогоруда айткандай ошол Чынгыз хандын кысымына чыдабай ошол жактан көчүп келгенин жогоруда баяндалганын билесиңер. Ал эми Долон бийдин небереси, Ак уулдун балдары Адигине, Тагай, Мунку, Наалы эжелер он төртүнчү кылымдын аягы, он бешинчи кылымдын башталышында жашап өтүшкөн адамдар катары айтылып жатканын дагы билесиздер. Эгер буга ишенсек, анда ортодон кеминде төрт ата өткөнү байкалат. Эмнеси болсо да муну тарыхчылар же эл ичиндеги санжырачылар тактап беришээр деген ойдобуз.
Ошентип Долон, Оргочор, Ырыстар хан үчөө тең өз улустары менен Енисейден Бугда тоолоруна (Теңир тоого) көчүп келишип азыркы аттары аталган жерлерге отурукташып калышат. Санжырачы Еркатанов Омордун айтуусуна караганда да Долон бий Багыш уруусун жетектеп келет. Кийин ал уруунун аты – Чоң багыш уруусу деп аталат. Ал эми Оргочор болсо Эштек уруусун жетектеп келген деген пикирди айтат. Ошол Долон бийден – Ак уул, Куу уулдар тарап, оң жана солго бөлүнөрүн жогоруда айтып өттүк. Ак уулдун же оңдун тукумдары: бугу, сарбагыш, солто, саяк, черик, азык, суу мурун, келдике, барын, желдең, коңурат, адигиненин тукумдары ж. б.
Солго: саруу, кушчу, кытай, мундуз, басыз ж. б. Байыркы кыргыз урууларынын ичинде: бугу, ак бугу, сур бугу деген элдер бар экендиги белгилүү. Ошондой эле ак багыш, кара багыш, сары багыш ж. б. багыш уруулары да бар. Кыргыз уруулары бир кезде таруудай чачылып кеткени байкалат. Саяк, черик, азык, коңурат уруулары Тагай бийден алда канча мурун эле жазма маалыматтарда учурайт. Кандайча жол менен бул аты аталган уруулар Тагай бийге жакындашып калышканын азырынча чечмелеп беришкен тарыхчылар да, санжырачылар да жок. Жазма маалыматтарда бул уруулардын наамдары Чынгыз хандан мурун жолугуп жатат. Тоосары уулу Казыбектин 1772-жылы жазган китебинде 840-жылы Саян тараптан саяктардын Чүй суусунун боюна көчүп келгени баяндалат. Санжырачылар көлдүн Атабеков Исанын, Ат-Башылык Му саев Айтынын айткандарына караганда Чынгыз хандын кыргыздарга көргөзгөн кысымына чыдабаган кыргыздарды «Элдин куту Элтерес» карыя сакалынан ылдый жаш куюлтуп туруп:
- О, жамагат! Сары сакал Чынгыз хан чочко өз сөзүндө турбай, бизден барган жоокер балдарыбызды жоонун бетине салып, кырып-жоюп салышты. Ата-бабаларыбыздын киндик кандары тамган касиеттүү Бугда тоолоруна көчүп кеткиле, ал жерде силерге кара-жоро боло турган Катаган, Карасакал, Канды-моюн, Ачка Кадыр, Сунжектин балдары бар. Ошол жерге барып тукумуңарды улагыла деп кеңешин берет. Долон бийдин көчү көчүп келе жатканда бир аты жүрбөй калган экен. Ошол жерге атты калтырып, жүгүн башка унааларга бөлө жүктөп, бир жерге өрүүн болуп, эртеси жүрбөй калган баягы атына барса, аты оюн салып карматпайт.
- Капырай, бул жердин чөбү арпадан да күчтүү го деп, ошол жердин аты «Арпа» деп аталып калган дешет. Атты кууп олтуруп бир өрөөнгө келип кармайт. Ыза болуп, кыжыры кайнап ачуусу келген Долон бий аттын башын кесип алыптыр. Ошондуктан ошол жердин аты «Атбашы» аталып калган дешет.
Кыргыздар туураган этти «нарын» деп аташкан. «Бешбармак» деген сөз кийин орус келгенде жаңы коюлган ат. Туугандарынын келгенине жетине алышпай чоң той беришип, нарын тартып, эт жешкен жер – кийин Нарын аталат.
Долон бийлер бул жерде – Бугда тоолоруна көчүп келишкенде Чынгыз хандын чабуулу али Ала-Тоо аймагына жете элек болсо керек. Жаңжут-манжут деген элдин кабары бул жерлерге да катуу угула баштаган экен. Долон, Оргочор, Ырыстар ханга да угулуп жатты. Булар Чынгыз хандын зомбулугунан коркуп, Енисейден көчүп келишпеди беле? Суук кабар күн дөн-күнгө жаңырып угулуп жатты. Качкын-бозгундар толуп жатты. Тигил үчөө жергиликтүү элден жоокерлерди камдап, куралдандырып жатышты. Бирок ооматы келип, жалыны асманга чыккан өрткө такаат кыла алышкан жок. Үчөөнү үч жерге жайлап тынчытты. Долондун сөөгү коюлган жер – «Долондун бели» деп аталды. Анын атына ок тийип өлгөн жер – «Кара жоргонун тоосу», монголдор малын талап алып кетишип, ошондо бир көк торпок адашып келген жер «Көк торпок» жайлоосу аталды. Оргочордун сөөгү коюлган жер «Оргочордун тоосу» аталды. Оргочордун уулу Окторкой өлгөн жер – «Окторкойдун тоосу» аталды.
Мына ошентип, ата-бабалардын өнүп-өскөн жерлеринде, кийин анын урпактары тамырын жайып, чырпыгы чынар болуп, көрөңгөсү көбүрүп, көрпөчөсү кайра жаңырып келе жатышат.
Жапар КЕНЧИЕВ
МУХАММЕД КЫРГЫЗ
- кылымдын аягы – XVI кылымдын башынан тарта кыргыз эли азыркы мекени Ала-Тоону жердеп тургандыгы жөнүндө тарыхый жазмаларда маалыматтар кездеше баштайт. Алардын арасынан салыштырмалуу кенен маалыматтарды берген тарыхый булак мырза Мухаммед-Хайдардын калемине таандык «Тарих-и Рашиди» («Рашиддин тарыхы») эмгеги болуп эсептелинет. Бул көлөмдүү эмгек XVI кылымда, тактап айтканда, 1540-жылдардын ичинде, перси тилинде жазылып бүткөн. Эмгек негизинен ТяньШань тоолорунун аймагында түзүлгөн Моголстан мамлекетинин тарыхына арналып, андагы тарыхый окуялар Моголстандын негиздөөчүсү Туглун-Темирдин заманынан же XIV кылымдын ортосунан башталып, чыгарманын автору жашаган доорго че йин, башкача айтканда, XVI кыл ымдын 40-жылдарына чейинки Моголстан тарыхынан кабар берет. Эмгектин экинчи бөлүгү дээрлик МухаммедХайдардын өзү аралашкан жана башынан кечирген окуяларды эскерүүлөрдөн туруп, мемуардык мүнөзгө ээ.
Ушул эмгекте Мухаммед-Хайдар кыргыздарды жана алардын өкүлдөрүн замандаштары катары баяндаган. Анын жазганы боюнча XVI кылымдын башында кыргыздар Чыгыш Тянь-Шандан Борбордук Тянь-Шань аймагын ээлей баштаган мезгил болот. Алар Ысык-Көлдүн айланасынан Ат-Башы өрөөнүнө чейинки жерлерди мал жайыттары катары өздөштүрө баштаган. Мырза Мухаммед-Хайдар өз заманындагы кыргыздардын уруу башчыларынын бирин эскерип, аны Мухаммед-Кыргыз деп атаган.
- кылымдын башында бири-бири менен бийлик талашуудан алсыраган Моголстандын жандарынын аймактарын башка элдер басып ала баштаган. Өзгөчө бул мезгилде Моголстандын түндүк жактарынан башталган кыргыздардын кыймылы күч алат. Ал эми чагатайлар деген жалпыланма ат менен аталышып, Мавераннахрды Аму жана Сыр дарыялардын ортосун ээлеп турушкан Аксак Темирдин тукумдарына баш ийген элдерди МухаммедШейбанинин көчмөн өзбектери басып алышат. Ушундай саясий кырдаалда Моголстандын ханынын бир урпагы Султан Саид Моголстандан качууга аргасыз болот. Ал Мухаммед-Шейбанинин өзбектеринен жеңилүүгө дуушар болуп, бирок аларга каршы күрөшүн улантып жаткан жээни Бабурга качып барат. Аны менен бир аз мезгил чогуу тургандан кийин, өзүнө караштуу кишилеринин жардамы аркасында, Фергана өрөөнүндөгү көчмөн өзбектерден, аталган өрөөндү тартып алып, анын борбору Анжиян шаарын ээлейт. Бирок Султан Саид хандын Ферганадагы бийлиги көпкө узаган эмес. Себеби Мавераннахрдан Шейбанилердин аскердик күчтөрү Фергананы бошо тууга даярдык көрө башташат. Аларга каршы турганга күчү жетпесине көзү жеткен Султан Саид хан, Кашкар аймагын бийлеп турган моголдордун дуглат (дуулат) уруусунун эмири Абу Бекрдин ээлигин басып алуу үчүн жортуулга чыгат. Ал Ферганадан Алай тоолору аркалуу Кашкарга келет. Султан Саиддин аскерлери анча көп болгон эмес. Дал ошол мезгилде Султан Саид ханга кыргыз аскерлерин баштаган, алардын башчысы Мухаммед-Кыргыз жардамга келет. Ошентип Султан Саид кыргыздардын жардамы менен 1514-жылы Кашкарды жеңип алат да, ал жердеги дуглат эмири Абу Бекрдин бийлигин жок кылган. Бул согушка жардам бергендиги үчүн кыргыздардын кол башчысы Мухаммедге Султан Саид хан көптөгөн кымбат баалуу белектерди берип, аны Моголстанга узаткан. Бул окуя дан кийин Мухаммед-Кыргыз кол алдындагы кыргыздарын өз алдынча башкаруусу менен бирге, башка элдерге жана урууларга жортуулд арды уюштуруп турган. Ал өзгөчө Шейбани өзбектеринин бийлиги астында турган Түркстан, Сайрам жана Ташкент шаарларына бир катар жортуулдарды жасаган. Ушул жортуулдардын биринде Мухаммед-Кыргыз, ошол мезгилде Самарканды бийлеп турган өзбек ханы Кучнунчунун (Көчкүнчү) уулу Абдулланы колго түшүрүп, туткунга алган. Бирок кийин элдик салттын жана өзүнүн келечек саясатынын багыты боюнча Мухаммед-Кыргыз колго түшкөн Абдуллага хандын тукуму катары чоң сый көрсөтүү менен, аны туткундан бошоткон. Кыргыз кол башчысынын мындай жоругу Кашкардагы могол ханы Султан Саидге жаккан эмес. Себеби Мухаммед-Шейбанинин көчмөн өзбектери моголдор менен келишпес душман болуп, алар моголдорго жана чагатайларга көптөгөн азап-тозокторду алып келишкен. Ошондуктан Султан Саид хан кыргыздардын алар менен өз ара мамиле түзүүлөрүнө каршы турган. Экинчиден, колго түшкөн хандын уулун өз алдынча Мухаммед-Кыргыздын коё бериши, Султан Саиддин бийлигине анын анча көз каранды эмес экендигин далилдеп турган. Бул тууралуу мырза Мухаммед-Хайдар «Тарих-и Рашидге» ачык жазат. Бирок мырза Хайдар өзүнүн ханынын кадыр-баркын жогору көтөрүү максатында, эмгектин башка жеринде, кыргыздар моголдордон айырмаланып ислам динин тутушкан эмес, ошол себептен Түкстандагы мусулмандарга каршы жортуул жасап, аларды талап-тоногондугуна каарланып Султан Саид хан кыргыздарга каршы газават уюштурган деген ойду жазган. Бирок бул жерде кыргыздардын башка элдерге караганда ислам тутуу жана анын шарттарын аткаруу жагынан төмөн тургандыгын Мырза Хайдар өзгөчө белгилеп жаткандыгы жана анын жогорудагы ою ошол себептен жазылгандыгын байкоого болот. Муну кыргыздардын башкаруучуларынын бири Мухаммед деген ысымды алып жүргөндүгү да кыйыр далилдеп турат.
Көрсөтүлгөн себептерден улам Мухаммед-Кыргызга таар ынган Султан Саид хан 1517-жылы кыргыздарга каршы жортуулга чыккан. Ысык-Көлдүн күн батышындагы тескей тоо этектеринде бейкам жаткан кыргыздарга Султан Саиддин кошууну күтүүсүздөн кол салат. Барскоон суусунун Ысык-Көлгө куйган жеринде могол аскерлери менен кыргыздардын ортосунда чоң салгылашуу болуп өтөт. Согушта кыргыз кол башчысы Мухаммед колго түшөт. Аны Султан Саид кыш айларынын башында Кашкарга алып кетет. Ошентип 1517-жылдан 1522-жылга чейин Мухаммед-Кыргыз хандын ордосу Кашкарда туткунда болот. Султан Саид хандын айланасында жүргөн, көчмөн жашоону жактырган айрым могол эмирлери Тянь-Шанда көчүп жүрүшкөн могол урууларын башкарууга, хандын уулу Абдар-Рашидди (Рашид) жиберүүсүн талап кылышкан. Ошол себептен Султан Саид 1522-жылы уулу Рашидди бир канча эмирлердин коштоосу менен Моголстанга жөнөтөт. Уулуна жардам берүүгө, айрыкча Моголстандагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн Рашидге кошуп Мухаммед-Кыргызды да өз элине башчы болсун деп коё берет. Беш жыл чамасында туткунда жүрүп келген Мухаммед тез эле кыргыз элинин көп бөлүгүн өзүнүн бийлигине баш ийдирүүгө жетишет. Бирок анча көп эмес мезгилден кийин кыргыз жергесине (Моголстанга) өз душмандарына каршы союз издеп казак хан Тахир келет. Рашид аны өзүнүн Кочкордогу ордосунда жылуу кабыл алат. Тахир болсо моголдор менен мамилесин чыңдоо максатын көздөп, Рашидге өзүнүн карындашын аялдыкка берет. Бирок мындай мамилеге карабастан Рашид менен Тахирдин ысыктыгы көпкө созулбайт, экөөнүн ортосунда араздашуулар пайда болот. Ушундан кийин Тахир Рашидге баш ийген кыргыздарды акырындык менен өз тарабына тарта баштаган. Казактар менен кыргыз урууларынын өз ара жакындашууларынан чочулаган Рашид буга МухаммедКыргызды күнөөлөп, аны 1524-жылы кайрадан Кашкарга алып кетет. Бул жолу Мухаммед-Кыргыз Кашкарда он бир жылга жакын жүрүп, 1533-жылы Султан Саид хан өлгөндөн кийин гана Ала-Тоого, өз элине кайткан. Анын андан кийинки тагдыры жөнүндө мырза Мухаммед Хайдар эскер бегендигине байланыштуу, бизге анын эмне болгондугу бел гисиз бойдон калат. XVI кылымдагы тарыхый жазмадагы кыргыз уруу башчыларынын бири Мухаммед-Кыргыз жөнүн дөгү кыскача маалымат ушуну менен чектелет. Ал эми тарых жазган мырза МухаммедХайдар кыргыз элин Моголстандын түндүк аймактарында жашаган калк катары көрсөтүп, аларды «Моголстандын токой арстандары» деп атаган.
Тарыхый изилдөөлөрдө Мухаммед-Кыргыз жөнүндөгү маалыматтар дайыма колдонулуп келген. Эң биринчилерден болуп кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноев өзүнүн изилдөөсүндө XVI кылымдын башында жашап өткөн Мухаммед-Кыргызды, кыргыз элинин оозеки айтылып келген тарыхындагы, башкача айтканда, санжырадагы Тагай бий менен салыштырып, бул эки ысымды кыргыздын бир эле уруу башчысы алып жүрүшү мүмкүн деген божомолун айткан. Бул көз карашты кийинки тарых изилдөөчүлөрүнүн айрымдары да колдоп келишүүдө. Анткени мырза Мухаммед Хайдар жазып кеткен кыргыздардын жол башчыларынын бири МухаммедКыргыз менен кыргыз элинин санжырасындагы Тагай бийдин тагдырлары өтө окшошуп тургандыгы жана алар жашаган мезгилдин бири-бирине дал келиши бул эки башка ат менен аталган кыргыз уруу жетекчилери бир эле инсан болуу мүмкүн чүлүгүнө жол берет.
Санжыра боюнча Тагай бий кыргыздын оң канат урууларынын түпкү аталарынын бири. Ак уулдун Адигине, Тагай деген эки уулу жана Наалы эже деген бир кызы болуп, алардан бардык оң канат уруулары тарашат. Тагай өз мезгилинде кыргыздарды бийлеген бий болот. Журт бийлеп турган учурунда Тагай бийди Эреше хан ак үйлүүгө алып кетип, ал бир канча мезгилге чейин өзүнүн элинен бөлүнүп, Эреше хандын ордосунда жашап турууга мажбур болгон. «Ак үйлүү» деген түшүнүк менен бир элдин ханы, бөлөк элди сурап турганда ошол элдин ичинен хандын бийлигине каршы көтөрүлүш чыкпасын деп, ал элге таасирдүү кишилерди ордосуна алып кетип, белгилүү мөөнөткө кармап турганды же болбосо согуштан жеңилген элди баш ийдирүү максатында, жеңилген элдин башчыларын ордого алып кетүүнү аташкан. «Ак үйлүү» болууну туткун болуунун бир формасы катары кароого болот. Тагай бий Эреше ханда «ак үйлүүдө» жүргөндө экинчи аялын алып, андан Карачоро деген уулдуу болот, кийин аны менен кошо келген Саяк, Азык деген балдарды дагы асырап алышы менен үч уулдуу болгон. Тагай бийдин бул үч уулунан кыргыздын Багыш, Саяк, Азык деген уруулары таралат. Бул жерде санжырадагы Тагай бийге чейин азыркы мезгилден алып караганда 16–17 муун өтөт. Ар бир муундун орточо аралыгы тарых илиминде 25–30 жылдан деп эсептелгендигин эске алсак, анда Тагай бий Мухаммед-Кыргыз жашаган заманга, тактап айтканда, XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башында жашагандыгын эсептөөгө болот. Мындан Тагай бий жөнүндөгү санжыра, анын Мухаммед-Кыргыз жашаган замандагы кыргыз бийлеринин бири экендигинен маалымат берет. Экинчиден, «Тарих-и Рашиди» эмгегиндеги МухаммедКыргызга, окшош Тагай бий да туткун болгондугун эскердик. Үчүнчүдөн, Мухаммед-Кыргыз менен мамиле кылган Рашид хандын ысымы, Тагай бий «ак үйлүүгө» барган Эреше хандын аты менен дал келет. Себеби «Рашид» деген арабча адам аты, кыргыз тилинде «Эреше» деп аталып кетүүсүнө кыргыз тилинин мыйзамдары толук жол берет. Төр түнчүдөн, Мухаммед-Кыргыздын заманында аны менен байланыш жасаган казак ханы Тахир, Тагай бий жөнүндөгү санжыралык уламыштарда Тайыр деген ат менен баяндалышы да бул эки инсанды бири-бирине байланыштырат. Көрсөтүлгөн фактылар кандайдыр бир деңгээлде Белек Солтоноевдин Мухаммед-Кыргыз санжырасындагы Тагай бий болушу мүмкүн деген божомолунун чындыкка жакындыгын тастыкташат.
Эгерде бул божомолду кабыл ала турган болсок, анда эмне үчүн бир инсан эки башка тарыхый булакта бири-биринен айырмаланган Мухаммед жана Тагай деген ысымдар менен аталып калган деген суроого жооп берүүгө туура келет. «Мухаммед» деген ысым ислам дини менен тыкыз байланышкан араб антропоними экендиги кеңири белгилүү. Ал эми «Тагай» деген ысым түрк элдеринде өтө көп таралган адам аты. Алсак, Аксак Темирден баштап, анын урпагы Бабурга чейинки чагатайлар жөнүндөгү тарых жазмаларында Тагай ысымдуу ондогон адам аттары, ал эмес ошол эле Мухаммед-Кыргыз тууралуу жазган мырза Мухаммед-Хайдардын эмгегинде Тагай ысымдуу бир нече могол башкаруучулары жолугат. Мындан тышкары, «Тагай» ысымы Волга боюндагы түрк элдеринен тартып Сибирдеги түрктөргө чейин өтө кеңири белгилүү антропоним экендигин эске алсак, мырза Мухаммед-Хайдар Тагай ысымдуу кыргыз башкаруучусун «Тагай» деген ат менен эле жазмак. Бирок бул жерде бир абалды эске алууга болот. «Тарих-и Рашиди» тарыхый баянда автордун өзү эскергендей кыргыз уруулары XVI кылымдын башында ислам динин кошуна элдерге салыштырмалуу өтө терең деңгээлде карманышкан эмес. Мындай кырдаалда мусулманчылыкты бекем кармашкан могол төбөлдөрүнө кыргыз эли динсиз эл катары кадыресе эле кабыл алынышы табигый көрүнүш. Ушул себептерден улам алар өзүлөрү менен мамиледе болгон кыргыз урууларын, өзгөчө алардын жол башчыларын исламга тартуу мыйзамченемдүү. Ошондуктан кыргыз бийи Тагайды могол башкаруучулары мусулманчылыкка өткөрүшүп, аны исламдын закону боюнча «Мухаммед» деп аташы толук мүмкүн. Ислам шариятында динге кирген жаңы адамга мусулман атын берүү шарт болуп эсептелинет. Муну мырза МухаммедХайдар кыргыз эмири, «Мухаммед» деп аталгандыгына карабастан, кыргыздарды мусулман эмес эл катары кабыл алгандыгынан да байкоого болот. Мухаммед-Кыргыз деген ысым менен «Тарих-и Рашиди» чыгармасында Тагай бий ушундай жол менен гана аталып калышы мүмкүн.
Рыскул ЖОЛДОШОВ
МАНАП БИЙ
Объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу Совет доорунда ата-бабаларыбыздын тарыхын изилдеп үйрөнүүгө жеткиликтүү кам көрүлгөн жок. Ошондуктан Кыргызстандын тарыхы үстүртөн гана изилденип, айрым тарыхый окуялар бурмаланып, ошол кездеги үстөмдүк кылган идеологиянын талабына ылайык тыянактар чыгарылып келди. Кыргызстан тарыхы окуу жайларында окутулбай, ал тургай, элибиздин тарыхындагы айрым орчундуу тарыхый окуяларды эскерүүгө да тыюу салынган эле.
Тарых күбө, Совет бийлигинин жылдарында бабаларыбыздын санжырасын, маданиятыбызды өзүбүз да чандык. Алда кимге жагыныш үчүн улуттук тарыхыбызды саттык. Керек десе, кыргыз элинин рух дөөлөтүнүн туу чокусу болгон «Манас» эпосунан баш тартып, аны репрессияга салып берүүгө даяр турдук. Кыргыз элин баш коштуруп эл кылып, жетектеп келген тарыхый чыгаан инсандарыбызды, элдик баатырларды «эзүүчү таптын өкүлү», «бай-манап» деп басмырладык. Алардын эли үчүн жасаган иштери жөнүндө сөз баштаганд арды «андай болгон эмес, кайдагы жомокту айтасың» деп жемеледик. Таланттуу санжырачыларга уруучул, эл бузар катары мамиле жасадык. Санжыраны илимий негизде изилдеп, талдаган окумуштууларды трайбалист (уруучул) деп куугунтукка алдык.
Баарынан кызыгы, бөлөк элдердин дүйнөгө белгилүү болгон окумуштууларынын: «Кыргыз эли Борбордук Азия дагы эң байыркы эл, алардын тарыхы биздин заманга чейинки доордон башталат. Бул эл орто кылымдарда эң күчтүү, кубаттуу мамлекетти түзгөн» деген илимий бүтүмдөрүн кыргыз жетекчилери, окумуштуулары жомок, уламыш кеп деп сынга алышып, алардын китептерин окуп үйрөнүүгө тыюу салышкан учурлар болгон.
Акыйкатчылык үчүн Совет доорунда Кыргызстанда илимдин бардык тармактары сыяктуу эле тарых илими да өнүгүп-өскөндүгүн айта кетели. Бул мезгилде тарыхчылардын бир нече муундары жетилип, бир катар маанилүү эмгектерди жаратышты. Кыргызстан тарыхы боюн ча бир нече томдук академиялык китептер, окуу куралдары басылып чыкты. Бирок буйрукчул идеологиянын көрсөтмөсү жана көзөмөлү менен жазылган бул китептерде, башкасын айтпай эле коёлу, бабаларыбыз өчкүс кылып ташка чегип кеткен, VII–VIII кк. Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин улуу каганы Барсбек, анын таланттуу элчиси Эрен Улук, IX к. Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздөөгө чоң салым кошкон улуу кол башчы Алп Сол жана башкалар жөнүндөгү маалыматтар түк эскерилбей да калган.
Башкасын айтпаганда да, салыштырмалуу түрдө жакынкы эле мезгилде, тактап айтканда, XV к. аягы – XVI к. башында чачылган кыргыз элин баш коштуруп мамлекет түзүүгө көп күч жумшаган Мухаммед-Кыргыздын (Тагай бий) эмгеги да бааланбай келди. Ошондон бир кылымдай убакыт өткөн кезде, тактап айтканда, XVII к. башында Мухаммед-Кыргыздын ишин улап, элдин биримдигин чыңдап, аркалык кыр гыздардын башкы бийи, улугу болуп эсептелген Манап бий тууралуу таптакыр эле эскерилбей калган.
Бул инсан жөнүндөгү үзүл-кесил маалыматтарды кыр гыздын алгачкы тарыхчыларынын бири Белек Солтоноевдин «Кызыл Кыргыз тарыхы» деген эмгегинен кездештиребиз. Б. Солтоноев кыргыз санжырасын эң мыкты билген адам катар ы бул китебинде Манап бий Эр Эшимдин ишенимдүү адамы, кол башчысы болгондугун баяндайт. Мында кыргыз-казактын калмактарга каршы койгон аскеринин башында Манап бий болгондугу айтылат
(Белек Солтоноев. Кызыл Кыргыз тарыхы. 1-китеп. – Б., 1993. – 107-б.). Ушул эле китептин 99–102-беттериндеги «Манап тарыхы» деген бөлүмүндө: «Түндүк жак кыргыздардын сурагы чамасы 300 жылдан бери Манаптын жана анын урпактарынын колунда болгон» – деп жазылат. А бирок ушул эле бөлүмдөн: «Манап атка миңгенден ууру, каракчы, талоончу болуп, мейли башка, мейли жакын туугандары болсун, анын малын тартып алып пайдаланган. Бандиттерди жыйнап алып, ичтен-тыштан жол тосуп, басмачылык кылган. Ууру, каракчы, бандиттерди жолдош кылган. Башка жактан эр өлтүрүп качып келген болсо да Манапка келип, бандиттик кылып туруп калган» деген сөздөрдү окуйбуз (ошол эле китеп, 100-бет).
Бул жерден өмүр бою тарыхый маалыматтарды чогултуп, кыргыз элинин санжырасын, тарыхын жакшы өздөштүргөн Б. Солтоноев Манап бийдин эли үчүн жасаган зор эмгегин билген эмес деп айтууга болбойт. Ал Манап бийдин атасы айтылуу Дөөлөс баатыр экендигин, Манап кичүү баласы катары атасы менен чогуу жашап, андан эң жакшы тарбия алып, сыймык менен чоңойгондугун, Дөөлөс баатырдын байлыгы, бийлиги мурас катары уулу Манапка өткөндүгүн, ошондон улам Манаптын башкалардын бийлигине же байлыгына көз артууга эч кандай муктаждыгы болбогондугун эң жакшы түшүнгөн. Бирок күч алып турган тоталитардык-буйрукчул идеологиянын талабы боюнча тарыхты таптык мүнөздө гана жазыш керек эле.
1934-жылы жазылып бүткөн бул китебинде Б. Солтоноев кыргыз коомун эзүүчү жана эзилүүчү таптар деп экиге бөлүп, эзүүчүлөрдүн реакциячыл, зордукчул, канкор бейнесин (образын) түзүүгө милдеттүү болгон. Ошондуктан буга чейин кыргыз журтчулугунда бийлөөчү төбөлдөрдүн идеалдуу бейнеси катары биротоло калыптанып калган Манап бийдин бейнесин шартка ылайык бурмалап, ага Совет бийлигинин алгачкы жылдарында пайда болгон «бандит», «басмачы» деген жексур терминдерди жамап коюуга аргасыз болгону байкалып турат. Бул үчүн алгачкы тарыхчыбыз Белек Солтоноевди күнөөлөөгө болбойт. Аны кыргыздын эң алгачкы адис тарыхчысы катары жогору баалоого, ага таазим кылууга милдеттүүбүз. Тек гана анын эмгектерин тарыхый булак катары пайдаланууда ал адамдын өзү жашап турган доордогу идеологиянын талабын аткар ууга мажбур болгондугун эске алышыбыз керек.
Чындыгында, XVII к. башында Түндүк Кыргызстанды бийлеп, элдин ынтымагын туу тутуп, өз элинин эркиндиги үчүн күчтүү душман менен кармашта түмөндөгөн кол баштап, катылган душмандын катыгын далай ирет берип, акыры кан суудай аккан айкашта, согуш талаасында курман болгон Манап бийдин эмгеги ал тирүү кезинде эле легендага айланып, муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп айтылып келген. Ал тургай, Манап бийдин урпактарынан чыккан тың инсандар леген дарлуу бабасынын даңазасын улам жаңы баскычка көтөрүп айтып же айттырып, ал тууралуу уламыш кептерди күчөтүп келгендиги да табигый көрүнүш болгон. Натыйжада, Манап бий өзү жашап өткөн доордон Кыргызстанда Совет бийлиги орногонго чейинки мезгилдеги кыргыз коомунун башкаруучусунун идеалдуу бейнесине айланган.
Ал эми таптык идеологияга негизделген советтик тарыхнаама коомду бири-бирине карама-каршы турган эки тапка бөлүп, эзүүчү тапка киргендерди реакциячыл, канкор катары көрсөтүүгө милдеттүү болгон. Ушуга байланыштуу мурдагы заманда эл башында турган инсандардын дээрлик бардыгын журт алдында сиңирген эмгектерине карабастан, бир беткей каралоо башталган.
Натыйжада, далай элдик тарыхый инсандар советтик тарыхка реакциячыл, эзүүчү деген ат менен киришип, коомчулукка социалдык жексур катмардын өкүлү катары таңуу ланган. Ошентип эл үчүн күйүп-жанган далай башкаруу чулардын эмгеги, баатырлардын эрдиктери акыйкатсыздык менен тескери бааланып, унутта калган…
Эгемендүүлүккө жетишибиз менен Кыргызстандын тарыхын объективдүү так чагылдыруу, аны изилдеп толуктоо, калкка кеңири пропагандалоо үчүн толук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Убагында бир беткей жамандалып, унутта калган далай тарыхый инсандардын аттары аталып, эл үчүн жасаган иштери чыныгы баасын ала баштады. Ошолордун ичинен биз сөз кылып жаткан Манап бий жөнүндө чындыкты айтууга, анын кыргыз тарыхындагы татыктуу ордун аныктоого да мезгил жетти.
Эмесе, эмки сөздү Манаптын таржымалынан баштайлы. Тарыхчы-этнограф окумуштуулар санжырада айтылган маалыматтарга таянып, Манап бий болжол менен
1595-жылы туулган деп эсептешет. Ал Дөөлөс баатырдын төртүнчү, кенже уулу. Анын Токо, Жантай, Элчибек деген агалары болгон. Дөөлөстүн ушул төрт уулунан тарагандар сарбагыш уруусун түзөт.
Даңазалуу Дөөлөс баатырдын Асылкан (Жезбийке), Меншек жана Көкмончок деген үч аялы болгон. Асылкан пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламдын тукуму – намангандык олуя-кожонун кызы болгон имиш. Ал эми Көкмончок калмактын Карагыз деген ханынын кызы экен. Көкмончоктун сынчылык касиети күчтүү болуп, ал Дөөлөс баатырдын маңдайында жылдыз жанып турарын байкап, жактырып ага турмушка чыккан. Дөөлөстүн биринчи аялы Асылкан (Жезбийке) эркек төрөп, анын урматына Дөөлөс баатыр чоң той берет. Баланы ошол кезде өтө аздектелген манат чүпүрөккө ороп бешикке бөлөшөт. Баланы көргөнү келген байбичелер ал оролгон манатка көңүл бурушуп, баланын аты Манат болсун дешет. Кийин Манат деген ат Манап болуп өзгөрүп айтылып калган деген пикир Д. Жумагуловдун «Манап» термини жөнүндө» деген макаласында айтылат («Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын кабарлары. Коомдук илимдер» журналы. 1991, № 4, 61–68-б.б.).
Дагы бир санжырада Асылкан (Жезбийке) Мухаммед пайгамбарыбыздын тукумунан болгондуктан, өз баласын арабдардын курайш уруусунун ислам дини пайда болгонго чейинки байыркы кудайы (идолу) Манафтын урматына Манаф (Манап) деп атаган деген пикир айтылат. Эгерде ислам дининин тарыхына кайрылсак, Мухаммед пайгамбарды анын атасынын агасы тарбиялаган. Анын толук ысмы Абу Талиб Абд Манаф ибн Абд ал-Муталиб болгон. Мухаммеддин төртүнчү атасынын аты Абдулманаф болгон. Бул Манафтын кулу дегенди түшүндүргөн. Чынында эле Мухаммед алейхи салам чыккан курайш уруусу мурда Манаф деп аталган идолго сыйынган.
Кандай болсо да Манап бир туугандарынын ичинен өзгөчө сыймыктуу орунду ээлеген. Анткени Дөөлөстүн маңдайында күйгөн жылдызы Манапка өткөн деп айтылат санжырада. Мындан тышкары, энеси Асылкандын (Жезбийкенин) пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламдын тукумунан болушу да анын зоболосун көтөрүп турган. Таасирдүү жана кенже уул катары ал атасынын үйүндө жашап, баатыр атасынан мыкты тарбия алган. Дөөлөс өлгөндөн кийин анын бийлиги, көк асабасы, ак өргөөсү, жоо жарагы жана карагер тулпары Манапка мураска калган.
Манап бий аталып, өз алдынча эл башкара баштаган мезгилде (XVII к. башы) кыргыздар Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын үч кылымдык эзүүсүнөн толук кутулуп, өз алдынча эл катары калыптанып калган эле. Орто Азиядагы байыртан эле жергиликтүү делип эсептелген этностук бирикмелер казактар менен өзбектер да эл катары түзүлүп, өздөрүнүн ээликтерин тактап, коңшу элдер менен өз ара мамилелерин аныктай башташкан.
Ошол кездеги саясий кырдаалды туура баамдаган Манап бий кыргыз урууларынын ортосундагы ынтымакты чыңдоону биринчи планга койгон. Бир жактан өзбек төбөлдөрүнүн кысымын, экинчи жактан чыгыш тараптан улам берилеп жылып келе жаткан калмактардын баскынчылык саясатын алдын ала сезген кыраакы Манап бий алдыда боло турган кармаштарда боордош казак эли менен бекем келишим түзүп, биргелешип күрөшүүнүн зарылчылыгын түшүнгөн. Ошон үчүн ал адегенде географиялык жайгашуусуна ылайык ошол кезде эле анжияндык (ферганалык) жана аркалык (түндүк тараптагылар) болуп экиге бөлүнгөн кыргыз элинин күчтөрүн бириктирүү үчүн Анжиян кыргыздарынын башчысы Көкүм бий менен туугандык мамилени чыңдаган (санжырада Көкүм бий да Тагайдын урпагы делип эсептел инет).
Экинчи кезекте кыргызга канатташ жашаган казак уруу ларын башкарган Эр Эшим менен келишим түзүш керек эле. Аракеттердин натыйжасында бул милдет да аткарылып, эки элдин ынтымагы бекемделген. Ушундан улам тарыхчылар Манап бийди кыргыз-казак союзун түзгөн алгачкы саясий ишмер катары баалап, окуу куралдарына жана окуу китептерине киргизишкен (Кыргызстан. Историко-культурный атлас. – М., 2000; Кыргызстан тарыхы боюнча орто мектептин 7–10-класстары үчүн окуу китептери – Б., 2002).
Көкүм бий баштаган анжияндык кыргыздар менен Манап бий башында турган аркалык кыргыздар келишип, казак урууларын жетектеген Эр Эшимди (бул кыргыздарга жээн болгон) кыргыз-казакка хан көтөргөн.
Манап бий менен Көкүм бий анын эң ишенимдүү адамдарынан болуп калган. Хан ордосу катары Ташкент шаары эсептелген. Ошол кезде Ташкент 12 капкалуу (дарбазалуу) чоң шаар болуп, шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлүнүп, анын бир бөлүгүндө кыргыздар, экинчи бөлүгүндө казактар, үчүнчү тарабында өзбектер жайгашкан. Кийинчерээк кыргыздар менен казактар өзбектерди шаардан сүрүп чыгарган. Кыргыз-казактын мамлекеттик бирикмесиндеги жогорку бийлик Эшим ханга ыйгарылган. Көкүм бий бул мамлекеттин түштүк чөлкөмүн тескеп, ошол эле мезгилде Ташкент шаарынын улугунун (азыркыча – шаардын мэри) милдетин аткарган. Манап аркалык кыргыздардын чоң бийи делип аталып, ага мамлекеттин түндүк-чыгыш чөлкөмүн тескөө, ошол кезде кыргыз-казактын башкы жоосу катары калыптанып калган калмак баскынчыларынан мамлекеттик чек араны коргоо милдети жүктөлгөн.
Тарыхый маалыматтар боюнча, Моңгол империясы бытырап жаткан учурда теги моңголдордон чыккан уруулар XIV к. «Дөрбөн ойрот» (төрт ойрот) деген бирикмеге биригишет. Аларды орто азиялыктар «калмактар» деп аташкан. Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын аскерлеринин сол канатында согушуп жүрүп аскер өнөрүн мыкты өздөштүргөн калмактар (ойроттор) эми батышка карай жылып, кыргыздар менен казактарга ачык эле коркунуч туудура баштаган. Калмактар саны жагынан да кыргыздар менен казактардан бир канча артыкчылык кылган. 1535-жылы калмактар Жуңгар хандыгына бириккенден кийин алардын экономикалык, согуштук кубаты, биримдиги ого бетер күч алган. Эми Манап бийдин саясий ишмердигинин негизги милдети Жуңгар хандыгынан кыргыз, казактын жерлерин жана эркиндигин коргоо болгон.
XVII к. башында калмактар Иле дарыясына жакын келип жайгашып калгандыктан, бул дарыя алардын батыштагы чек арасы болуп калган. Аларды кандай да болбосун дарыядан бери өткөрбөш керек эле. Боордош эки элдин келечек тагдырына байланышкан бул милдетти аткаруу үчүн Манап бий мүмкүн болгон аракеттерди жасаган. Азыркы Ортотокой суу сактагычы жайгашкан жердеги Манап бийдин ордосуна кыргыз, казактын уруу башчылары менен кол башчылары тынымсыз каттап, саясий кырдаалды талдап турушкан. Кол салууга ар дайым даяр турган баскынчылардын мизин кайтаруу үчүн кошумча кол чогултулган. Эзелтен келе жаткан аскердик салт боюн ча чогулган кол ондуктарга, жүздүктөргө жана миңдиктерге бөлүнгөн, ал эми тажрыйбалуу, эр жүрөк жоокерлер аларга башчылыкка дайындалган. Башкы кол башчылык милдетин Манап бий өзү алып, түмөнбашы аталган. Санжырада баяндалгандай, Манап бийдин черүүсүндө жалаң кыргыздардан турган аскер бөлүк төрүнө казак жигиттери, казактардан турган бөлүктөргө кыргыз азаматтары кол башчылык кылган учурлар көп болгон. Бул эки элдин бири-бирине болгон ишенимин арттырган. Аскерлерге согуш өнөрүн үйрөтүү, аларды курал-жарак, тамак-аш менен жабдуу иштерин тескөө жагын Манап бий өз колуна алган. Мына ушул кезден баштап өмүрүнүн акырына чейин Манап бий жоокердик кийимин үстүнөн түшүргөн эмес деп айтылат санжы рада.
Согуш коркунучуна байланыштуу Манап бий өзүнө караштуу элге башкаруунун жаңы, темирдей бекем тартибин киргизген. Манап бийди ага чейин жүргүзүлүп келген кыргыз коомун башкаруу системасын өзгөрткөн реформатор катары кароого толук негиз бар.
Эзелтеден эле кыргыз урууларын бийлер башкарып кел гени жөнүндөгү маалыматтар тарыхый булактарда кеңири кездешет. Бул жөнүндө Енисейдеги, Монголиядагы, Кыргызстандагы байыркы таштагы жазууларда да баяндалат. Байыркы доордо калыптанып, өнүгүп келген бийлердин бийлиги кыргыз коомун башкарууда маанилүү роль ойногондугу талашсыз. Адатта бийлер уруу, урук аксакалдарынын бийлөөчүсү катары эсептелип, алардын бийлиги мурасталып балдарына өткөн. Алар өз уруусунун (уругунун) аймагында чектелбеген бийлик жүр гүзүшкөн. Көпчүлүк учурда бийлер бири-бири менен эрегишип, ынтымаксыз болушкан.
XVII к. башындагы кыргыз коомундагы өндүргүч күчтөр дүн өнүгүшү, ошол кездеги саясий кырдаал коомдук мами лелердин, анын ичинен башкаруу системасын өзгөртүүнү талап кылган. Саясий ишмердиги ушул доорго туш келген Манап бий бул милдетти билгичтик менен баамдап, кыргыз коомун башкаруу тармагын өзгөртүү ишин баштаган. Коомдук турмуштагы эзелтен калыптанып калган мамилелерди өзгөртүү оңой-олтоң иш эмес эле. Манап бийдин өжөрлүк менен койгон талабына ылайык уруу башчыларынын өз уруусундагы чексиз бийлиги, өз алдынчалыгы чектелген. Акырындык менен алар биринин артынан экинчиси Манапты чоң бий катары таанууга мажбур болушкан. Ошентип, уруу бийлеринин беткелди иш жүргүзүүсү токтолуп, алар «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», ынтымакка келишкен. Натыйжада, арка кыргыздарынын уруулар ортосундагы биримдиги чыңдалган. Манап бийди Мухаммед-Кыргыздан кийин, XVII к. башында Түндүк Кыргызстандын аймагында мамлекеттик бирикме түзгөн саясий ишмер катары баалоого негиз бар. Анткени аркалык кыргыз урууларынын баарысы бирдей Манапты чоң бий катары тааныган. Ошол кезде Манап бийге азыркы Кыргызстандын түндүгүндө, Чыгыш Түркстанда, Казакстандын азыркы Алматы, Жамбыл облустарында жайгашкан кыргыздарга тиешелүү кеңири аймак караган. Биз жогоруда айткандай, чоң бийдин ордосу тогуз жолдун тоому болгон азыркы Ортотокой суу сактагычы жаткан ойдуңда жайгашкан. Ал ордого жүздөн ашуун боз үй тигилген. Сырттан келген элчилерди, уруу башчыларын кабыл ала турган атайын боз үйлөр болгон. Манап бийдин ак өргөөсүндө атасы Дөөлөс баатырдан калган көк асабасы желбиреп турчу. Санжырада чоң бийдин ордосун жана анын өзүн кайтара турган атайын куралданган гвардиясы болгону, ордо кызматкерлерин, аскерлерди кармоо үчүн ар бир уруу белгилүү өлчөмдө салык төлөп тургандыгы, ордого келүүчү жолдорго тозот коюлганы ай тылат.
Манап бийдин жүргүзгөн реформалары өз натыйжасын берген. Ал жетектеген аскердик күч калмактардын баскынчылык саясатын далайга чейин сестенткен. Ал тургай Манаптын аскердик бөлүктөрү калмак айылдарына капысынан кол салып, бүлгүнгө учуратып, аларды Иле дарыясынан алыс кетүүгө мажбурлап турган. Бирок сан жагынан үстөмдүк кылган калмак баскынчылары XVII к. биринчи чейрегинде кыргыз, казак жерлерин басып алууга жигердүү киришип, Иле дарыясынан өтүү аракетин баштаган. Манап бий баштаган кыргыз, казак колу менен калмактардын ортосунда 1619–1625 жана 1630–1635-жж. аралыгында эки тараптан түмөндөгөн аскер катышкан айыгышкан салгылаштар болгондугу тарыхый булактарда жазылып, санжыраларда айтылып калган. Бул булактарда чечүүчү кармаштар болгон кезде алп мүчөлүү, кажыбас кайраттуу Манап бий салгылаштарда жоого өзү баштап кирип, душман менен бет келише чабышып турган. Тарыхый маалыматтар боюнча калмактар менен кезектеги айкаш Иле дарыясынын боюнда өтөт. Бул жөнүндө профессорлор Т. Чоротегин жана Т. Өмүрбеков орто мектептин 7-классы үчүн жазган окуу китебинде мындайча баяндашат: «Жуңгар хандыгына каршы согушта кыргыз-казактын бириккен колун арка кыргыздарынын улугу Манап бий жетектеген. Санжыра боюнча калмактар менен Манап бийдин черүүсү Иле боюнда беттешет. Айкаш башталардын алдында, жоокерчилик замандын салтына ылайык, эки тарап тең алп баатырларын эрөөлгө чыгарышат. Кайракайра найзалар сынып, кыйлага созулган ошол эрөөлдө кыргыз алпы Манаптын уулу Жарбаң баатыр калмактын Дөнөнжөй деген алпын аттан ыргыта саят. Ушул салгылаш учурунда кол башчы Манап бий да курман болгон эле делет кыргыз санжырасында. Ата-бабалардын баатырдык жолун, элинин намысын коргогон Жарбаң баатыр кийинки согуштарда да эл керегине жарады. Чоң чабыштардагы чечүүчү айкаштарда ал чоң черүүгө миңбашылык кылган»
(Т. К. Чоротегин, Т. Н. Өмүрбеков. Кыргызстан тарыхы. IX – XVIII кк. – Б., 2002. –138-б.).
Ошентип «…өлүмдөн элдин намысын жогору койгон Манап бий улгайган чагына карабай кол баштап, өзүнөн сан жагынан эки-үч эсе артыкчылык кылган баскынчы душман менен бетме-бет салгылашкан. Далай эрлер өлүп, кан жыттанган бул айкашта алдына келген далай душманды кылыч менен кыя чаап сулаткан Манап бий да оор жарадар болуп, уулу Жарбаң баатырдын колунда жан берген»,– деп жазат санжырачы Аман Алымкул уулу өзүнүн «Жарбаңдардын санжырасы» деп аталган кол жазмасында (Кол жазма Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакта лып турат. Инв. № 156. 7-барак).
Кыргыз элинин биримдиги жана эркиндиги үчүн күрөшкөн бул инсанды унутта калтырууга эч кимдин акысы жок эле. Учурунда бул даңазалуу инсандын эмгеги жогору бааланып, эли-журту ага таазим кылып турганы жөнүндө маалыматтар арбын. Бул жөнүндө 1990-жылы Жети-Өгүз районунун Шалба айылында өткөн санжырачылардын республикалык конкурсунун ушул райондун тарых музейинде сакталып турган материалдарында да көп кездешет. Биз бул материалдардан Манап бийдин саясий жана согуштук ишмердиги анын көзү тирүү кезинде эле легендага айланганын билебиз. Анын кыргыз, казак элин, жерин күчтүү душман калмактардан коргоодогу эрдиктери дастандарга айланып, ооздон-оозго өткөн. Манаптын уулдары Сүтүке (Жарбаң) менен Сүтөйдүн да тың чыгышы, улуу улуунун Жарбаң баатыр деген ысым менен даңазаланышы, экинчи уулу Сүтөйдүн бий болушу Манап бийдин зоболосун өлгөндөн кийин да көтөргөн. Кыргыз элинин улуу акыны Тоголок Молдо:
Манаптын Сүтөй, Жарбаңы, Баарынан бийик арбагы.
Бир чети Чүй, Кеминде,
Атбашы, Нарын тармагы,
Кочкората өзөнүн
Жердеп турат калганы –деп ырга бекеринен кошпосо керек (Кыргыз санжырасы. – Б., 1994. 100-б.). Ушул жерден Манап бийдин эки уулу жана урпактары жөнүндө да кыскача баяндай кетели. Манаптын уулу Сүтүке бийдин биринчи аялы Кызбийке айымдан төрөлөт. Айым төрөт маалында каза болуп, эненин курсагын жарып, баланы аман сактап калышат. Бул кабарды уккан Манап: «Кудайга шүгүр чүлүк, балам тирүү болсо уйдун сүтү менен эле чоңоёт. Аты Сүтүке болсун» деген экен. Айткандай эле, бала уйдун сүтү менен жетилет. Манап экинчи жолу үйлөнүп, ал аялынан да эркек бала төрөлөт. Агасыныкына уйкаштырып ага Сүтөй деп ат коюшат.
Төрөлө элегинде эле энесиз жетим калган Сүтүке бала кезинен эле чыйрак өсөт. Бара-бара анын Сүтүке аты унутулуп, курсактан жарып алынганына байланыштуу Жарбаң аталып кетет. Манаптын бул уулунун эрдиктери тарыхчы-санж ырачылар Осмоналы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдин, Талып Молдонун, Ыбрайым Абдрахмановдун жана Аман Алымкул уулунун эмгектеринде айтылып, илимий талдоолордон өткөндөн кийин Кыргыз тарыхы боюнча орто мектептер жана жогорку окуу жайлары үчүн жазылган окуу китептерине киргизилип, окутулуп жүрөт. Акын, публицист жана журналист Чынарбек Айдаровдун 2001-ж. жарык көргөн «Ассаломалейкум бабаларым же бабаларга саламым – бабаларга дастаным (реквием-эпизоддор)» аттуу китеби да Манап бийдин уулу Жарбаң баатырдын эрдиктерин баяндоого арналган.
Манаптын экинчи уулу Сүтөй да тың чыгып, атасынын ордуна бий болгон. Санжырада Сүтөй бийдин бийлиги жана байлыгы анын уулу Сарсейитке өткөн деп айтылат. М. Иманалиев өзүнүн ыр түрүндө жазган санжырасында Сарсейитти мындайча баяндайт:
Сүтөйдүн уулу Сарсейит, Сан жылкылуу болуптур. Кеминге батпай жылкысы, Чоң Кочкорго толуптур. Чоң Кеминдин суусу
Жылкыга жетпей калчу экен.
Жылкысынын жартысы,
Чүй суусуна барчу экен.
Жаткан таштай жайнаган,
Санак жетпей коюна, Жүздөй койчу айдаган. Сарсейит нары бий экен, Сарсейит нары бай экен. Шатыра-шатман турмушу, Көңүлү дайым жай экен.
(М. Иманалиев. Кыргыз санжырасы. – Б.: 1995. – 29-б.)
Бул санжырадагы маалыматтарда аша чабуу байкалганы менен айтылгандар Манап бийдин балдары менен небере-чөбүрөлөрүнүн социалдык абалынан кабар берет.
Бул жерде биздин айталы дегенибиз, Манап бийдин коомдо ээлеген ордун, ал баштаган реформатордук иштерди анын балдары, кийинки муундагы урпактары татыктуу уланткан. Манап бийдин улам кийинки муунунан тың чыккан инсандар Манап бийдин жасаган иштерин жаманат ты кылууга эч жол бермек эмес. Тескерисинче, улуу бабасынын жашоосун, эл үчүн сиңирген эмгегин улам даңазалап келишкен. Натыйжада, кыргыз коомчулугунда Манап бий башкаруучулардын жаңы тиби, идеалы катарында бааланган жогорку деңгээлге жеткен. Ушундан улам Манап бийдин эл бийлеген урпактары өздөрүн «манаптарбыз» деп аташып, бул аркылуу алар арка кыргыздарынын чоң бийи Манаптын тике мураскору экендиктерин далилдегилери келген. Ошентип, кыргыз элинин коомдук турмушунда башкаруунун жаңы институту – манапчылык калыптанып, өнүгө баштаган.
Манап бийдин урпактарынан кыргыз тарыхында маанилүү орун ээлеген мыкты тарыхый инсандар чыкканы талашсыз чындык. Эгерде Манап бийдин укум-тукумдарын улап айтсак, Манаптын биз сөз кылган небереси Сарсейиттен өз доорунда кош арстан аталышкан Үчүке жана Түлкү баатырлар чыккан. Үчүкеден 1760-жылы кыргыз элинин атынан Кытайга элчи жөнөткөн Маматкул бий, андан Болот бий, андан Эсенгул баатыр, андан Ниязбек бий, андан айтылуу Ормон хан туулган. Ал эми Түлкү баатырдан Тынай бий, андан 1785-жылы Орусия императоруна элчи жөнөткөн Атаке бий, андан Карабек, андан Жантай хан, андан белгилүү Шабдан баатыр, 1916жылы улуттук-боштондук күрөштүн жетекчилери Канат хан менен Мөкүш Шабдан уулу чыккан. Кыргыз элинин залкар ойчулдары Калыгул Бай уулу, Молдо Кылыч Шамыркан уулу да Манап бийдин урпактары болгон. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, Манап бийдин урпактары Кыргызстанда Совет бийлиги орногонго чейин эле Түндүк Кыргызстандын коомдук, саясий турмушунда маанилүү роль ойноп, бийлик жүргүзүп, эл тагдырын, коомдогу өндүргүч күчтөрдү тескеп, коомдук мамилелерди аныктап келген. Манап бийдин жогоруда биз санап өткөн урпактары кыргыз коомун башкаруу системасын реформалоо боюнча улуу бабасы баштап кеткен ишти аягына чыгарган. Ошонун натыйжасында башкаруунун манапчылык институту сарыбагыш уруусунда биротоло калыптанып, башка урууларга да тарай баштаган. XVIII к. аягынан баштап «манап» деген титулду солто, бугу, саяк, черик, саруу, кушчу, азык, тактап айтканда, Түндүк Кыргызстандагы бардык уруу башчылары мансап титулу катары өздөрүнө кабыл ала баштаган. Манап бийдин урпактары болушпаса да, XIX к. Боронбай бугу уруусунун, Байтик солто уруусунун чоң манаптары болуп эсептелинишкени баарыга маалым.
Өскөн ОСМОНОВ
МААМАТКУЛ БИЙ
Мааматкул бий XVIII кылымда Түндүк Кыргызстандагы уруулардын конфедерациялык негиздеги мамлекеттик түзүлүшүнүн башкаруучусу – «Чоң бийдин» даражасында турган. 1680-жылдардын аягында Мааматкул Түндүк Кыргызстандагы Кудаян хандын бийлигине саясий таламдаш катары чыккан. Бирок көп узабай «Элди кара көпөлөк айдаган» заман башталып, 1690-жылдардын башталышында калмактардын баскынчылык чабуулдарына туруштук бере албай, кыргыздар жапырт Ферганага көчүүгө аргасыз болушкан. Ушул тууралуу тарыхый уламыштарда Кудаяндын Ооганстанга жүрүшкө чыгышы тууралуу окуя түндүк кыргыз урууларынын Гиссар – Кулябга чейин сүрүлүп баргандыгын баяндайт.
Кудаян кошууну менен Сыр дарыядан өтүп кеткенден кийин, Мааматкул баштаган элдин бир бөлүгү аны ээрчибестен суунун берки өйүзүндө калышкан. Кудаяндын андан аркы тагдыры жөнүндө уламыштарда бүдөмүк маалыматтар айтылат. Бир кабарда ал Хожентке жетип өлгөндүгү, экинчисинде Аму дарыядан өтүп, Ооганстанда каза болду деген маалыматтар бар.
1720–1730-жылдарда Мааматкул бий, Гиссар – Кулябга сүрүлүп барган сарбагыш, солто, саяк, моңолдор, азык жана башка урууларды бириктирип, Анжиян жана Наманган шаарларынын айланасын байырлап турушкан. 1732-жылы Мааматкул бий баштаган кыргыздардын айрым бөлүктөрү Кетмен -Төбөнүн Коңур-Өгүз деген жерине көчүп келип, байтакты кылып турушкан жана калмактарга каршы элдик күрөштү кайрадан жандандырышкан. Мааматкулдун эң жакын жардамчысы солтодон чыккан Кошой бий болгон. Натыйжада, Кетмен-Төбө кыргыз урууларынын саясий биригүү процесси башталып, өрөөн табигый чептин милдетин аткарган. Аймакта дыйканчылык да өнүктүрүлүп, Мааматкул бий арык каздырып, суу чыгаргандыгы жана ал Мааматкул алыш деп аталгандыгы айтылат. 1750-жылдардын башталышында калмак баскынчылыгына каршы турууга жетилип калган уруулардын конфедерациялык негиздеги мамлекеттик түзүлүшү Кетмен-Төбөдө калыптанган. Аталган жылдарда Мааматкул менен Кошой башында турган кыргыздар Таластын оозу Капкада, Чүйдүн Каракыштагында, Сокулукта жана Акбешимде топтолгон калмак күчтөрүнө сокку урушкан. Мындан кийин Жунгар хандыгынын саясий төмөндөшүнөн пайдаланган кыргыздар Чүйдөн, Ысык-Көлдөн калмактарды сүрүп чыгарып, Илеге чейинки жерлерин бошотушкан. 1755-жылы Цин-Кытай империясы тарабынан Жунгар хандыгынын биротоло кыйратылышы кыргыздар дын саясий өз алдынчалыгынын аныкталышына ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзгөн. Кыргыздардын Ферганадан өз жерлерине кайтып келүү процесси да ушул жылдарга туш келген. Мааматкул өзүнүн Дөрбөбаш, Койкоң Назар аттуу жигиттерине жер чалдырып, Илеге чейинки аймактарды чалгындатып, калмактардын жок экендигине көздөрү жеткен соң, Чүйгө жана Ысык-Көлгө көчүп келишкен.
1758-жылы февраль айында император Хун Ли кыргыз башкаруучуларына – аксакалдарына карата атайын манифест кабыл алып, анда Чыгыш Түкстандагы Цин империясынын бийлигинин орношуна жана бекемдешине тоскоолдук кыла турган кыргыздарды алдап алуу жана эскертүү чараларын караган.
«Силер буруттар жуңгарлардын иштерине эч качан кийлигишкен эмессиңер, бирок абалтан алардын коңшусу элеңер. Эми жуңгарлар толугу менен баш ийдирилди, силердин жериңер биздин чек ара менен жакындашты, эгерде бейпилдикти сактабай, чек ара аркылуу көчүпконуп, тынчты кетирип талап-тоносоңор, чыр-чатакты өзүңөр табасыңар» – деп айтылат аталган манифестте.
Ушул манифестте кыргыздын башчыларына билдирүү максатында кытай аскер башчысы генерал Чжао Хой баштаган офицерлердин тобу Ысык-Көлдүн чыгышы Санташка келип кыргыз бийлери Түлкүгө жана Окуга (Үкүгө) жолугушкан. Алардын мындан аркы аракеттери аталган манифест менен кыргыз бийлерин тааныштыруу жана алар тууралуу маалымат тарды топтоо менен мүнөздөлгөн. Алардын бири Шивэй Урдэн Мааматкул бийге жолугуп, Цин бийликтерине анын душмандык ниети жок экендигине ынанган жана башчы Черикчи менен кошо өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бири Шербекти императордун кабыл алуусуна жөнөтө тургандыгын билдирген. Буга чейин эле Чжао Хой менен болгон жолугушууда Че рикчи бий Мааматкулдун 90 жаштан өтүп улгайып калгандыгына жана ден соолугуна байланыштуу алыска жүрө албагандыктан жогорку башкаруучу Чоң бийдин ордуна өзү бара тургандыгын билдирген эле. Кыргыз конуштарына тереңдеп кирип барган Кытай чабармандары алардын коомдук-саясий түзүлүштөрү тууралуу арбын маалыматтарды топтошкон. Жеке Мааматкул бийдин карамагында 500 түтүн сарбагыш уруусу турган. Ошол эле кытай булактарында айтылгандай, Мааматкул кыргыздардын арасында жылына шайланып туруучу хандык бийликке тете болгон жогорку башкаруучу чоң бийдин (булакта – «чжан» – бийлик ээси – Т. А.) милдетин аткарган. Кыргыз коомундагы башкаруучунун мындай даражага көтөрүлүшү бир катар тарыхый жагдайлар менен да байланышкан. Жунгар хандыгынын баскынчылыгынан кутулуп, бирок али биримдиги калыбына келе албай жаткан кыргыздардын саясий уюмдашуусун бекемдөөгө ички жагдайлар менен катар Цин бийликтеринин кысым көрсөтүүсү да түрткү берген. Негизинен, түндүк кыргыз урууларын баш коштурган Тагай конфедерациясы бул мезгилде калыптанып, өз алдынча мамлекеттик иштер колго алынып калган. Конфедерациянын баштапкы борбору Кетмен-Төбөдө орун алып, калмактарга каршы элди бириктирүүнүн вазипасы жүзөгө ашырылган. Иерархиялык бийликтин башында турган жогорку башкаруучу салтка айланып калгандай, Манаптын бутагынан чыккандарга таандык болгон. Мааматкул бийдин жан-жөкөрү Кошой бий 1753-жылы 85 жашында Кетмен-Төбөнүн Коңур-Өгүзүндө өлгөн. Конфедерациянын тышкы маселелеринде Цин Кытайы менен жер жана чек ара маселелерин жөнгө салуу максатында Черикчи бий баштаган элчилик корпус жөнөтүлгөн. Ички абалды бекемдөө багытында да тийиштүү чаралардын көрүлгөндүгүн кытай булактары ырастайт. Маселен, Таластагы 4 миң түтүн кыргыздар Мааматкул бийге баш ийип анын жардамчылары Каработо бий кытай уруусунан, Майтык кушчудан жана Акбаш саруу уруусунан болгондугу айтылат. Бул ээликтерди кытай булактары чыгыш (түндүк) буруттары деп атагандыгы жана А.Бернштам туура баамдагандай, ал Тагай конфедерациясынын негизин түзгөн дүгүн көрөбүз. Конфедерациянын бекемделиши ички карама-каршылыктар менен кош толгондугун төмөндөгү маалым ат тардан улам баамдасак болот. Анткени Мааматкул менен Белектин чатагы деген уламыш маалыматта «бир кесе бозого болгон таарынычтан улам жаңжал башталды» деген имиш айтылат. Чынында, чырдын башаты Белектин Мааматкулдун таасиринен оолак болгусу келген аракеттерине байланышкан эле. Буга чейин кыргыздар Жуңгарлардын баскынчылыгынан Фергана тарапка көчүп кетишкенде Белек баштаган кыргыздардын айрым бөлүгү алыс көчпөстөн калмактын кызматына өткөн. Натыйжада, Коңтажы Ала-Тоодогу аз кыргызга Белекти башчы кылып, мал-жанын бактырып турган. Кыязы, өз алдынча болуп көнүп калган Белек Мааматкулга баш ийгиси келген эмес. Ошондуктан баш ийбеген Белекти «калмакка кызмат кылгансың» деген шылтоо менен кол топтоп барып чабууга аргасыз болгон. Бул тууралуу мындай деген саптар сакталып калган:
Байгара менен Жамбылда Май жегенде бирге элек. Калмакта Калы менен Кутуда Кан жегенде бирге элек. Казак кайың саап,
Кыргыз Ысар кирип, Актаман чор болгондо,
Кайда кеттиң, сен, Белек.
Ушул окуяны баяндаган санжыра маалыматтарында Белек өзүнүн уулу Тогузбайдын кызы баштаган тогуз кызды Мааматкулга тартууга бергендиги айтылат.
XVIII кылымдын 50-жылдарында Мааматкул бий Үчүке уулу башында турган Түндүк кыргыз урууларынын конфедерациялык түзүлүшү Чыгыш Түркстан менен Түндүк Кыргызстандын алкагындагы өзүлөрүнүн саясий өз алдынчалыгын сактап калган жана кыргыздардын мамлекеттик түзүлүшүнүн андан ары өнүгүшүнө негиз түзүлгөн.
Темиркул АСАНОВ
ЧЕРИКЧИ БИЙ
Черикчи бий Темир уулу XVIII кылымдын экинчи жарымында эл башкарып, Цин-Кытай империясы менен элчилик алакаларды орнотууга катышкан саясий ишмерлердин бири болгон. Атасы Темир кыргыздар Ферганага сүрүлүп барганда Намангандын үстүн жердеп, сарбагыш элин башкарып турган. Кыргыздар ал учурда Фергананын жергиликтүү калкы менен биримдешип, калмактарга каршы күрөшүп турган. Темир баатырдык жөнү бар адам болгондуктан, Намангандын улугу чакырып алып, Иледеги калмактын башчысы Коңтаажынын тулпарын алып келүүгө жөнөтөт. Бул тапшырманы аткарууга Темир жалгыз жөнөп, Илеге жетпестен Желаргынын күн чыгышындагы Карача деген жылгага бекинип аңдып жаткан. Улуу шашкеде калың жылкы жапырылып, Боролдойдун күн чыгышындагы Чоңсууга киргенде, алардын арты Коңурдун жолунда жаткан. Жылтырдан суу ичип 300–400 чамалуу жылкыны баштаган жүнү жок, жарганат сыяктуу териси бар, кара сур ат ары-бери ойноктоп, ар кайсы чөптүн башын бир чалып, кулагын тикчийтип турганда, Темир анын тулпар экенин таанып кармаган. Тулпарга минип, өзүнүн атын коштоп жөнөгөндө, 12 калмак артынан куугун түшкөн. Кетмен-Төбөнүн суусун сүздүрүп чыгып кеткенде, калмактар суудан кече албай кайра кайтышкан. Темирдин бул кызматына ыраазы болгон улук сураганыңды берейин дегенде «сарыбагыш элимди жыйып бериңиз, жериме кетейин, «улуксат бериңиз» деген. Темирдин сөзүнө макул болгон улук Ферганадагы сарбагыш уруктарын чогултуп берген жана алар ушундан кийин Кетмен-Төбөгө бет алып көчүшкөн.
Бул окуя болжолу 1730-жылдардын айланасында болуп өткөн. 1732-жылдагы маалыматтарда Ферганадан өз жерлерине кайткан кыргыздар Кетмен-Төбөгө токтолуп, калмактарга каршы элдик күрөштү улантып турушкан.
Кыргыз-калмак мамилелерине Черикчинин дагы катышы бар экендигин ырастап турган төмөндөгүдөй маалымат тар сакталып калган. Орус аскер кишиси Павлуцкийдин 1747-жылдагы рапортунда, тилмеч Девятияров скийдин жана поручик Левашевдин көрсөтмөсү орун алып, анда кыргыздар Анжиян шаарын байырлашат жана алар өз алдынчалыкта туруп, жуңгарлардан айырмаланган бухаралыктардай мухаметандык мыйзамдарды тутушат. Галдан Цэрэндин учурунда ошол шаарды башкарууга кыргызкалмак Черикчини дайындашкан деп айтылган.
Галдан Цэрэн Жуңгар хандыгын 1727–1745-жылдары башкарган. Черикчи бийдин кандай жагдайлардан улам мындай кызматка олтургандыгы анык эмес.
Адатта калмактар дагы көчмөн эл болгондуктан, өзүлөрү баш ийдирген калааларды туруктуу байырлашкан эмес. Алар салык жыйноо менен чектелип, дайындаган наместниктери бийлеп турушкан. Кыязы, Черикчи бийге ушундай кызмат туш келип, көчмөндөрдүн атынан Анжиянды башкарган.
Черикчи бийдин соңку ишмердиги XVIII кылымдын экинчи жарымындагы саясий окуялар менен байланышкан. Бул тууралуу Кытайдын «Пиндик чжунг ээр фанлюе» («Жуңгарияны каратуунун баяны») аттуу тарыхый дарегинде мындай маалыматтар сакталып калган. 1757-жылы Кытай императору «Бурут уруусунун аксакал башчыларына» деген манифести атайын жарыялайт. Анын негизги максаты Чыгыш Түркстанда манчжур-цин бийлигинин чыңдалышына олуттуу тоскоолдукту жаратып жаткан кыргыздарга алдын-ала эскертип чараларды көрүү белгиленген.
«Силер буруттар, жуңгарлардын ички иштерине эч качан кийлигишкен эмессиңер, бирок эзелтен коңшулаш ээлик катары келатасыңар, азыр жуңгарлар толугу менен баш ийдирилди жана силердин жериңер биздин чек араларга жакындап келди. …Эгерде силер бул жакта (Чыгыш Түркстанда – Т.А.) болуп жаткан окуялар менен эсептешпестен чыдамсыздык кылып чек ара аркылуу ары-бери көчүү менен тартипти бузуп талап-тоногонго өтсөңөр, анда чыр-чатакка өзүңөр кабылган болосуңар» – деп айтылган императордун манифестинде.
Аталган манифестти кыргыздарга жеткирүүнү максат кылган кытай аскер башчысы Цзян-Цзюн Чжао-Хой өзүнүн чабармандары менен 1758-жылы Ысык-Көлдүн чыгышындагы Санташка келип чекир саяк уруусунун башчысы Түлкү бийге жана сарбагыш уруусунун өкүлү Олу деген адамга жолугушкан. Алардан тийиштүү маалыматтарды алган Чжао Хой Түлкү бийдин коштоосу менен Улдэн жана Толунтай аттуу чабармандарын императордун манифестин кыргыз конуштарында жарыя кылуу үчүн жөнөткөн. Адегенде Түлкү бийдин Жумгалдагы конуштарында жана андан кийин таластык кыргыздарда болгон Урдэн Тогуз-Тородогу сарыбагыш уруусунун башчысы Черикчи бийге жолугуп, императордун манифесттин угузган. Черикчи бий жооп кылып борбордогу императордун сарайына барыш үчүн Чжао Хойдун кабыл алуусунда болууга ниеттенгендигин чабарман Урдэн аркылуу билдирген жана кой-өгүздөн 100 баш малды тартууга жөнөткөн.
Ушул окуялардан көп узабай Черикчи бий Иле суусунун аймагында жайгашкан Чжао Хойдун аскердик ставкасында кабыл алууда болгон. Ал жерден Чжао Хой Яркенддин жана Кашкардын батышындагы буруттар козголоңчулардын башчыларын колго түшүп берүүгө мажбурласа же өзүлөрүнүн чек арасынан аларды кармаганга көмөк көрсөтсө императордук сыйлыгына татыйт деген талапты койгон.
Черикчи бий алардын койгон талабына кичипейилдик менен макул болуп, бирок биз сыйлык катары мурунку көчүп жүргөн конуштарыбыздын кайтарылып беришин күтөр элек деп билдирген. Кытай бийликтери бул маселеге карата каршы далилдерди келтирүүгө аракет кылып: «Силер мурда ойроттордон куугунтук жеп, Анжиян тарапта көчүп жүрдүңөр эле, азыр Нарында, Жумгалда, Таласта жер иштетип, оокат кылып жатасыңар, мурда бул жерлерди ойроттор ээлеп турган, азыр биздин күчтүү армия жуңгарларды баш ийдирди жана Кеген, Каркырага, Темиртунарго (Ысык-Көлгө) чек ара кароолдорун орнотобуз. Иледе аскердик гарнизон тургуздук, эгер силердин көчүп-конгон жериңер тар болуп жатса, Улуу император дун ырайымын күтүп, өз алдыңарча көчүп келгенге жол бербегиле» – деп айтышкан.
Кабыл алууда Черикчи бий бул маселеден тышкары императордун кабыл алуусуна бара тургандардын санын тактап, Мааматкул бийдин жашы 90дон өтүп калгандыктан бара албаст ыгын жана борборго үч гана адам – Черикчи, Түлкү, Нышаа барат деп билдирген.
Кытай эсеби боюнча 1758-жылдын 10-айында, император буруттардын көчүп-конгон аймактарындагы чек араларга көз салуу жөнүндөгү буйрукту Чжао Хойго жөнөткөн. Ушундай эле буйрук Мамлекеттик кеңештин министрине багышталып, төмөндөгүдөй мазмунда даярдалган.
«Ауденцияга келген бурут элчиси, Ысык-Көл алардын мурунку конуштары экенин айтып, ал жакка көчүп келишерин билдириптир. Биздин аларга айтарыбыз: бул жерлер силерге таандык болгону менен ал небак эле жуңгарлар тарабынан каратып алынган. Кантип анан силер мурункудай биздин жерлер деп айтасыңар. Силер бизге көз карандысыңар, ошондуктан балким муктаждыгыңарды камсыз кылууга силерге жакын жерлердин айрым бөлүгүн кайтарышыбыз ыктымал. Маселе цзян-цзюндун жана дагендин (сөз Чыгыш Түркстандагы, Кытай бийликтери жөнүндө айтылууда – Т.А.) кароосуна берилип, императордун указы менен чечилмекчи».
Бирок кытай бийликтери кыргыздардын жер тууралуу талаптарын моюнга алууга аргасыз болгон. «Эске албай коюшка мүмкүн болбогон Илеге тутамдаш жерлерди жана да аскердик турак жайлардын жайгашкан жерлеринен сырткары аларга жакын жайгашкан аймактарды балким өткөрүп берербиз. Баары бир чек аранын такталышы зарыл» – деп айтылат документте.
Бул маселе кыргыз элчилеринин Кытай императорунун сарайындагы кабыл алуу үлпөтүндө жыйынтыкталган. 1758-жылы кабыл алуу үлпөтүндө Каңгайдын талаасына Кытай императору Богдохан аң-уулап эс алуу үчүн келген. Аны менен жолугушууга барган жыйырмага чукул бурут элчилеринин бешөө гана император менен Пекинге чейин кеткен. Булар Мааматкул бийдин атынан барышкан Черикчи бий, Түлкү бий, Нышаа баатыр жана Шербек болгон. Бешинчи адамдын ким болгондугу азырынча дайын эмес. Бурут элчилигин баштап барган Черикчи Тайхедянь сарайында императордун кабыл алуусуна катышып, даражасы боюнча өзү теңдүү адамдар менен элчилик этикетти аткарган. Кытай бийликтери кыргыз элчилери Черикчи бийге, Түлкү бийге жана Нышаага үчүнчү баскычтагы башкаруучунун белгиси мончокту жана тоос куштун канатын тапшырган.
Черикчи бий ХVIII кылымдын 50-жылдарынын аягындагы кыргыз-кытай чек ара маселелеринин жөнгө салынышында көрүнүктүү кызмат аткарган. Жогорудагы тарыхый маалыматтар ырастагандай Иле суусунун сол жээги Кеген-Каркыра жана Текес жайлоолору кыргыздардын эзелки конуштары экен дигин кытай бийликтеринин алдына койгон жана бул маселе Пекинге барган кыргыз элчилигинин миссиясында чечилген. Черикчи бий Цин Кытай империясынын басып алуучулук саясатына да каршы турган. Кыргыз элчилери Пекинден өз мекенине кайткандан кийин Жуңгар козголоңчуларын колго түшүрүүгө милдеттендирген императордун атайын указын Черикчи бийдин атына жөнөтүшкөн. Указды колуна кармаган Кытай чабармандары Черикчи бийди Баркөлдөн өтө бергенде кууп жетип тапшырышкан. Черикчи бий жооп иретинде кыргыз конуштарына ойрот козголоңчулары келбегендигин, эгер алар биз тарапка келе турган болсо колго түшүрүүгө көмөк көргөзөрүн билдирген. Бирок 1760-жылы Жуңгар козголоңчуларын издеп жүрөбүз деген шылтоо менен кыргыз конуштарына кирип келген Кытай аскер отрядына Черикчи бий Ысык-Көлдүн аймагынан сокку урган, 1762-жылы түштүк кыргыз урууларынын башчылары Кокондун башкаруучусу Ирдана бийдин Ошту жана Өзгөндү басып алгандыгына байланыштуу Черикчи бийден жана Темиржандан жардам сурап кайрылышкан. Черикчи бий буга атайын даярдык көрүп, кол топтоп жатканда, Цин империясынын агрессиялык саясатынан чочулаган Ирдана бий кыргыздар менен мамилесин бузуп албаш үчүн аталган шаарларды кайтарып берген жана маселе убактылуу токтотулган.
Черикчи бий 1760-жылдардын аягына чейин түндүк кыргыз урууларын башкарып турган инсандардын бири болгон. 1770-жылдардан тартып бийлик Эсенгул жана Атаке баатырларга өткөн. Черикчи бийге байланыштуу акыркы тарыхый маалыматтар 1771-жылы казактын Көкжал Барак баатыры менен болгон согушта эскерилет. Кочкордо болуп өткөн ушул беттеште Черикчи Темир уулу өтө кайрат көрсөтүп, баатырлыгы билинген деп айтылат тарыхый кабарларда. Кыргыздын белгилүү башкаруучулары жөнүндөгү Кытай бийликтеринин түзгөн таблицасында, Черикчи бий 1785-жылы кайтыш болгондугу жана ага тиешелүү бийлик даражасынын белгилери балдарына мурасталып калганы айтылат.
Темиркул АСАНОВ
КӨКҮМ БИЙ
XVII кылымдын башталышында кыргыздан чыккан эл башкаруучу – Көкүм бийдин жана Манаптын ысымдары тарыхта айтылып калган. Ал кезде жалпы кыргыз журту Адигине жана Тагай деп аталган эки саясий конфедерацияга биригип турган. Тагай конфедерациясынын курамына аркалык жана Ферган анын чыгышындагы Аксылык кыргыздар кирген. Конфедерацияда аталган эки тап тийиштүү өлчөмдө саясий өз алдынчалыкка ээ болушкан. Алардын биринчи тобун Манап жана экинчи бөлүгүн Көкүм бий башкарган. Б.Солтоноев Көкүм бийди кыргыздан чыккан биринчи башкаруучу феодал деп санаганына караганда анын бийлиги арка кыргыздарына да тараган.
XVII кылымдын 20–30-жылдарындагы кыргыз-калмак жана кыргыз-казак мамилелери, ошондой эле Ташкен жана Фергана чөлкөмдөрүндөгү саясий окуяларга кыргыздардын тиешеси тууралуу маселелер Көкүм бийдин ысмы менен байланышкан. Бул мезгилдерде анын ата-бабалары Адигине жана Тагай энчи бөлүү тоюн өткөрүп, кыргыздын салты боюнча малды, жерди, элди экиге бөлөт. Оштун Кара дарыясын чек кылып, күн батыш жагын Адигине бий, күн чыгыш жагын Тагай бий алат. Тагайдын энчисине тийген жерлерге башы Ат-Башы, батышы Намангандын, аяк жагы Кетмен-Төбө, Чаткалга чейинки жерлер кирген. Ошондо Тагай уулдарынын бири Карачорого Аксы аймагын жана Таласты башкарууга берет. Бийлик кийин мурасташып, Карачоронун тукуму Көкүм бийге өткөн.
XVII кылымдын башталышында казак султандары кыргыздардын көмөгү менен Сыр дарыянын боюндагы шаарларды ээлеп алуу үчүн бухаралыктар менен күрөш жүргүзө баштайт. Өзгөчө негизги соода-экономикалык борбор катары саналган Ташкен үчүн талапкерлик курч мүнөзгө айланып, Эшим султан башында турган казак төбөлдөрүнүн аракетин Көкүм бий ыкчамдык менен колдоп чыгат. Бухарадагы бийликти Имамкули хан алгандан тартып, бул маселе курчуган жана ички атаандаштарынын каршылыгынан запкы жеген хан, казактардын жана кыргыздардын кол салуусуна туруштук бере албастан Ташкен, Түркстан ж.б. шаарлардагы Эшим султандын бийлигин тааныганга аргасыз болгон. Натыйжада, аймактарда, Эшим султан жана анын ишенимдүү жан-жөкөрү Көкүм бий башында турган кыргыздар көзө мөлдөп калган. Бирок 1714-жылы казак башкаруучуларынын ич ара келишпестигинен пайдаланган Имамкули хан Эшимдин каршылашы Турсун султандын бийликти алышына колдоо көрсөтөт жана аны Ташкендин башкаруучусу деп жарыялайт. Ушул окуялардан кийин Эшим султан Көкүм бийдин карамагындагы кыргыз конуштарында баш калкалаганга аргасыз болот. Көп узабай эле бийликке келген Турсун султан дагы бухаралыктардын сөзүнөн чыкпаган башкаруучу болуудан баш тартат. 1721-жылы кыргыздардын колдоосуна таянган Турсун султан Имамкули хандын аскер күчтөрүнө Шахрухия чебинен сокку урат. 1724-жылы Могол мамлекетинин чыгыш бөлүгүнүн башкаруучусу
Абд ар-Рахим менен союздаш болуп жүргөн Эшим султан Ташкенге кайтып келет жана Турсун султан менен жарашуу келишимин түзүшөт. Экөөнүн биргелешкен күчтөрү бухаралыктардын атынан Анжиянды башкарып турган Абулай султанга каршы жөнөтүлүп, Сыр дарыя аймагы үчүн казак төбөлдөрү кайрадан талапкер боло башташат. Бирок казак султандарынын ич ара тымызын келишпестиктери сакталып кала берет. 1727-жылы Эшим султан Турсундун негизги таянычы болгон катагандардын бир бөлүгүн жана кыргыздардан Көкүм бий баштаган колу менен калмактарга жортуулга кетет. Атаандашы Эшимдин жортуулга кетишинен пайдаланган Турсун султан шертти бузуп, Эшимдин карамагындагы айылдарды чаап, анын мал-мүлкүн жана үй-бүлөсүн туткундап кетет.
Тарыхый уламыштарда калмактын Ажан ханы ЫсыкКөлдүн чыгышындагы көп күч топтоп кыргыздарга кол сала баштайт. Эшим хан белгилүү адамдарды жана алар менен бирге Турсун ханды дагы үлүшкө чакырат. Ажан хан менен биргелешип согушууга шерттешет. Бирок Эшим хан жоого өзү эле аттанып, калмакты жеңип кайтып келсе бүт айылын хан Турсун чаап, анын үй-бүлөсүн, мал-мүлкүн олжолоп кеткен болот. Эшим хан кайрадан кол жыйып, Турсунду чаап, өлүм жазасына тартат. Эл оозундагы уламышта ошол окуяны баяндаган «катагандын хан Турсун, убадага турбаган ал хан Турсунду ант урсун» деген сөз сакталып калган.
Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча Турсун султан менен Эшим султандын беттешүүсү Сайрамдын чет жакаларында болуп өткөн. Көкүм бий башында турган кыргыздар Эшимдин негизги таянычы болгондугун уламыштар да ырастайт. Бул согушта Турсун султан өлтүрүлүп, анын башы Имамкули ханга жөнөтүлгөн жана Эшим султан кайрадан Ташкенди башкаруу укугун алган. Ушул окуядан кийин Эшим хан Ташкен шаарынын алты капкасын Көкүм бийге башкарткан жана кыргыз-казак ынтымагынын урматына мунара курдуруп, аны «Көкүмдүн көк күмбөзү» деп атаган.
Турсун султан менен болгон согуштан кийин бир жыл өтүп-өтпөй Эшим хан дагы каза болот жана Көкүмдүн Ташкендин бир бөлүгүн башкарып турушу казак төбөлдөрүнүн кызыкчылыгына туура келбейт. Натыйжада, бийликке куштар болгондордун бири Чанычкулу Кара Байтик Көкүмгө уу берип өлтүрөт. Тарыхый маалыматтардын ырастаганына караганда Көкүм бийдин сөөгү Ташкендин Шейхантаур деп аталган бөлүгүндөгү мазарга коюлган.
Санжыра боюнча Көкүм менен Күлжү бир тууган болгон. Көкүмдөн Солтоной, андан Куттуксейит жана Найман деп айтылат. Күлжүдөн Түлкү, андан Тейиш, андан Аккочкор, Каңкы деген уулдар болгон. Ошол эле маалыматтарда Көкүмдү казактар өлтүргөн соң, кыргыздар казакты Ташкенден айдап чыгып, Бухардын ханынын уруксаты боюнча Тейишти хан көтөргөн. Кыязы казактар менен кыргыздардын тирешүүсү көпкө созулган эмес жана Ч.Валиханов жазгандай, казактарды Эшим хандын небереси Тооке Жааңгер уулу менен кыргыздын Теши бийи башкарган. «Тооке – Теши биримдиктин салтанаты катары таанылган» – деп жазат Ч.Валиханов.
Тешинин уулу Аккочкор Үчүке баатыр өлгөндөн кийин Жаңыл мырзаны колго түшүрүүгө катышат. Мындан кийин да багыш уруусунан эл башкарган мыктылар чыккан. Мисалы, арык багыштан Бешкемпир датка, куттуксейиттен Стамбек датка, наймандан Сарымсак жана Сарыбай датка, ак көйнөктөн Шамырза менен Момун даткалар чыгышкан. Демек, багыш уруусу Фергананын түндүк чыгышындагы кыргыздардын ичинен саясий жактан башкаларга караганда таасирдүү орунду ээлегендиги менен өзгөчөлөнгөн.
Көкүм бий XVII кылымдын 20–30-жылдарындагы кыргыздын көрүнүктүү саясий ишмерлеринин бири болгон жана жалпы бийликти кармап турган чоң бийдин милдетин аткарган. Ал жалпы саясий башкарууну колго алып, чарбалык маселелерди жөнгө салуу менен учуру келгенде жалпы аскердик жетекчилик милдетти да аткарган. Тагай конфедерациясындагы уруулардын саясий биримдигинин чыңдалышында жана көчмөн мамлекеттин ар тараптан бекемделишинде Көкүм бий чоң кызмат өтөгөн.
Темиркул АСАНОВ
МЕДЕТ ДАТКА
Илгерки манаптардын көпчүлүгү өз ата-бабаларынын санжырасын жаздырып, ага мөөрүн басып, бапестеп сактап жүрүшкөн. Ошондой санжыралар кадимки жумгалдык Көкүмбай манапта болгондугун академик, тарых илимдеринин доктору, белгилүү этнограф жана профессор Сабыр Аттокуров өзүнүн эмгектеринде баса көрсөтөт. Көкүмбай кадимки Медет датканын өз тукуму. Ошондой эле Медет датканын дагы өз тукумдарынын бири болуп, Совет мезгилинде жооптуу кызматтарда иштеп келген, согуштун жана эмгектин ардагери Ысак уулу Бейманжан карыянын жана көптөгөн архивдик маалыматтардан алынып, «Манас» эпосун пропагандалоо боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан 1996-жылы «Шам» басмасы тарабынан «Медет датка» аттуу китебим жарык көргөн.
Бирок тилекке каршы, китеп 3000 эле нуска менен чыккандыктан элдин калың катмарына жетпей калып, эмдигиче суроо-талаптары жүрүп жатат. Медет совет доорундагы тоталитардык режимдин кесепетинен тарых бүктөмүндө калган киши. Ошондуктан Медет датканын айрым эпизоддорун кыскача баяндай кетели деп олтурабыз. Анжиян менен Арканын эли Медет датка жө нүндө көп биле беришпейт.
Учурунда бул тарыхый инсандын даңкы таш жарган, кара кылды как жарган калыс, калпыс иштерден алыс, бечарага бел, карыпка кайрымдуу касиеттүү адам болгон экен.
Улуу инсан демекчи эли, жери үчүн кызмат кылышкан, бирөөнүн чычкак улагына кара санабаган, өз журту үчүн кара башын канжыгага байлаган манаптардын ичинде беш адам болгон. Алар: кадимки кушчу уруусунан чыккан Калча баатырдын небереси – Кубат бий, экинчиси – ушул Медет датка, үчүнчүсү – Алимбек хан, бешинчиси – Шабдан баатыр. Булар элдик адамдар.
Саяк Курмангожо элинен Келдибек аттуу бийи болуп, анын Арзы деген байбичесинен: Нусуп, Балбак, Алыбек, Нарбото, Токтоболот аттуу беш баласы болот. Анын экинчи аялы Акылжандан жалгыз Байтүгөл. Бул балдар эрезеге жете электе Келдибек бий о дүйнөгө кетип, балдары жаш калат. Бир кырсык жалгыз өзү келбей, ошол жылы кар калың түшүп, жетимдердин колундагы бирин-серин малын жут шыпырып кетет. Мал менен оокат кылышкан көчмөндөр мүңкүрөп олтуруп калышат. Кара таандай каптаган калмактардан жаңы эле кутулушкан.
Жетимдер эптеп оокат кылып жатышканда, мал сатып алыш үчүн өзбектерден соодагерлер келип калышат. Балдардын улуусу Нусуп болгондуктан үч эчки, эки койго жалданып мал айдашып кетет. Бирок жалданган убактысы бүтсө дагы илбериңки, кайда жумшасаң барган, тапшырган ишинин майын чыгара аткарган баланы кетиришпей, кожоюндары ана-мына дешип, баланы үч жыл кармашат. Үч жылдан кийин бир олуя кемпирдин жардамы менен үч жылдык акысын бүт алып, бошонуп чыгат. Эл-жерине аман-эсен келип, бир топ жыл туруп калышат. Нусуптун токтоо мүнөзүн, оор басырыктуу жүрүм-турумун көрүшкөн эл аны бий шайлашат. Нусуп элдин ишеничин актап, калыс бий болду. Жетим-жесирге карамдуу, өлөр-өлгөнчө калыстыгынан жазган жок.
Бир туугандардын ынтымагын, биримдигин түзүүгө далалат кылды. Кичүү иниси Байтүгөлгө чериктердин бир байынын кызын алып берет. Ал кыздын аты – Татты, колунан көөрү төгүлгөн уз, акылдуу аялзатынан эле. Жыл маалында боюна бүтүп эркек балалуу болушуп, атын Медет коюшат. Медет үч жашка чыкканда, атасы көчкү басып өлөт. Бул өтө кайгылуу учур эле. Татты байбиче жесир, үч жашар Медет жетим калат.
Бирок Нусуп бий сыртынан көз салып тургандыктан, эч нерседен кем болушпай, тиричилигин өткөрүшөт. Байтүгөлдүн ашынан кийин туптуура бир жылга жакын, үстүндөгү кара кийимин чечпестен жүрүп калат.
Ал кезде күйөөсү өлгөн жаш келинди кетирчү эмес. Жакын кайнилеринин бирине, же айласы кеткенде кайнагасына баш байлады кылып, нике кыйып коё турган. Татты байбиченин төркүндөрү келишсе, курмангожолуктар намыстанышып, бербей коюшат. Кудалары келишип: – Кудайдын кылганы экен. Аргасыз иш болуп кетти. Кызыбызды кайра өзүбүзгө бергиле – дешти. Бул сөздү уккан Нусуп бий:
- Эки балабыздын бирөөнү Кудай алса, экинчисин силер алып кетсеңер, анда бизди эки жолу өлтүргөнүңөр.
Андай сөздү кулагыбызга угузбагыла, – деп ататпады.
Кадимки Соңкөл жайлоосу көркүнө чыгып турган мезгил. Көк дукабага көмкөрүлгөн ак чынылардай өрөөнгө боз үйлөр тигилген. Айыл сайын желе толгон кулун. Карды салык бээлер желеден алыс кетишпей оттоп келишип, ширин чыктуу тулаңдын чөбүнө ныксырашып үргүлөйт. Нусуп бий дөңдө айылдаш өзү теңдүү карыялар менен кымыз ичип олтурушкан.
- Бий! – деди жакын туугандарынын бири Орозалы бай. – Байкашыбызда келиниңиз Татты аштан кийин кара кийип олтуруп калганына жыл маалына жакындап бара жатат. Айыл-ападагы кемпир-кесектин сөзүнө караганда, сиздин уулуңуз Сарысейит кирип-чыгып жесирди аламын деген ойдо болсо керек. Эртерээк бир жаңсыл «баш байлады» кылып, нике кыйдырып койбойсузбу? – деп калды. Бийдин жанында кымыз ичип олтурушкан өзү теңдүү курдаштарынын бир тобу бул сөздү кубатташты. Бая күнү Нусуп бийдин өз байбичеси Асыл да четин чыгарган. Бий ойлуу, бир топтон кийин:
- Менин балам Сарысейитке ал келин ылайыктуу эмес! – деди.
- Андай болсо ал келиниңизди кимге ылайыктуу дейсиз? – дешип олтургандар бийдин оозун карашты.
- Келин Балбак баатырга ылайыктуу, – деди.
Балбак баатыр Нусуптун бир тууган иниси. Анын Татты байбичеге чейин эле беш аялы болуптур. Эми алтынчы аялдыкка агасы Байтүгөлдүн аялы Таттыны алганы олтурат. Нусуп бийдин баласы Сарысейиттин ачуусу чукул, чогоор адам болгон дешет. Ал турса кокус чатак чыгарат дешип, аны келген соодагерлерге кошуп берип, «Кашкардан күрүч алып келүүгө» жумшап, ошол учурдагы ара-чолодон пайдаланышып, Татты энени Балбак баатырга алып беришет.
Балбак баатырдын жогоруда беш аялы бар экенин айтканбыз. Алардан төрөлгөн жети-сегиз балдары болгон экен. Ошолорду Санчы сынчыга сынатат.
- Сынчым! Мына бул балдарымдын ичинде жакшы чыкмалары барбы? – дейт.
- Сынды бурмалоого болбойт. Болгонун-болгондой айтуу керек. Бул балдарыңдын ичинде бычакка саптуу бирөө да жок!
Балбак баатыр өзгөчө бир баласын жакшы көрүүчү экен. «Эми буга сын жок» – деп сынчыга көрсөтпөй казанбактын алдына көмөрүп коёт. «Мунуңдан мобул балаң жаман чыгат. Баарынан тетигил казанбакка көмкөрүп койгон балаң жаман чыгат» – дейт. Ошол кезде Татты эне үч жашар Медетти жетелеп келип калат. Сынчынын балага назары түшүп, эркелетип бетинен өбөт. Тырчып турган Балбак баатыр:
- И, сынчым, ушул жетимче сага жагып калдыбы?
- Жагып калды – дейт сынчы.
- Жагып калса айтчы?
- Жок, айтпайм. Эгер айтсам, сиз теригип турасыз. Чатак чыкса сенден сыр кетет. Менден сын кетет – дейт.
- Жок, айт. – Күчкө толуп, урушарга жоо таппай турган баатыр такып сурай берет.
Акыры сынчы:
- Ушул бала кийин журт туткасы болуп чыгат. Алдагы балдарың ушул баланын атын токуп берип күн көрүшөт – деп астейдил сынга толгон сөздөрүн айтат. Кыжыры келип араң турган баатыр сынчыны колунун сырты менен төшкө коёт. Ошондо сынчынын койнунан булт этип ак коёну ыргып кетет.
- Мына! – дейт сынчы, – эми экөөбүз тең «ач бел, куу жолдо өлмөк болдук» – деп сынчы аттанып кеткен дешет.
Медет зээндүү тирикарак бала болот. Нусуп бий өз балдарынан да ошол Медетке жан тартып, ошого өнтөлөп, аттын жакшысын миңгизип, тондун жакшысын кийгизип, эл таанытып, журт аралаттырат. Даттанып келген кишилерге:
- Тигил Медет мырзага кайрылгыла. Ошол ийне-жибине чейин териштирип адилеттүү чечет, – деп балага жиберип турат. Ошентип Медет датка кийин Нусуптун ордуна бий шайланып, эл тагдырын чечип, эл аралайт.
Колунда адалдуудан түгү жок, жалгыз ат, жалаң камчылуу болгондуктан айрым манаптар Медетти теңсинишпей дайыма топтордо, жыйындарда ага каршы сүйлөгөндөр да болуптур. Ошол кезде Кокон хандыгы күчөп турган мезгил эле. Түндүк Кыргызстанга Кокон хандыгы тарабынан ар кандай «бектер» жиберилип, чыңдоо сепилдери салына баштаган. Эки жүз элүү жыл калмактардын запкылары аз келгенсип, эми кокондуктар чыга келип, элдин шаштысын кетирип турган учур эле. Кокон хандыгынын атайын жиберишкен сарбаздары (салык жыйноочулары) карапайым элди аябай эзишти. Малдан салык алгандары аз келгенсип, эми сулуу кыз-келиндерге көз артып, хандын ордосуна «Ордо катын» кылышканы алып кетип жатышты. Аларды хан өзү күнүгө бир кыздан тандап «Чапма нике кыйдырып» алып, рахатка батышты. «Чапма нике» дегени аялга шарыятсыз кошулууга болбойт, ошону үчүн молдого нике кыйдырып, анан кыздын койнуна жатышчу. Эртесинде ал кызды «талак кылдымды» үч жолу айтып, молдосуна «нике буза турган» дубаны курандан окутуп, анан ал кызды башка бирөөлөргө тартууга берип турган. Ордо кыздарга шылтоолоп алган кыздардын көбүн жолдон эле каршылык көргөзгөнүнө карабай салык жыйноочу сарбаздары да пайдаланып койгон учурлары көп болгон. Буга нааразы болгон элет кыргыздары айрым учурларда андай зордукчул сарбаздарды «ким көрдү» кылышкан учурлары да кездешип турду. Буга да ордо адамдары акыл табышты. Эми «Ак үйлүүгө» элет бийлеринин балдарын алышчу болду. Эгер кайсы элден хандын сарбаздарын уруп-согуп же өлтүрүп, акаарат кылган элдин – «Ак үйлүүгө» келген баласы өлтүрүлгөн. Ошентип кыргыздардын ошол кезде «Ак үйлүүгө» алынган нака жыйырма бир баласы бар эле дешет.
Бир жолу элет бийлери чогулушуп жыйын курушту. Ошол жыйында Медет сүйлөп, «Ак үйлүүгө» кеткен балдардан эмдигиче кабар алынбаганы жөнүндө айтып өттү. Бийлердин бир тобу Медеттин сөзүн эп көрүштү.
Күз айлары эле. Ныязбек баш болгон элеттин бир топ бийлери ханга учурашканы, бир чети «Ак үйлүүдөгү» балдарын бошотуп алуу үчүн тогуздап тартуу алып Коконго келишти. Тартууларынын ичинде орошон күлүк он сегиз ат, тогуз туйгун, тогуз шумкар ж.б. бар эле. Кеч болуп калгандыктан шаарга кире алышпай, эски шаардын Маргалаң багытындагы дарбазадан бир чакырым алыстыктагы талаага кошун түшүрүштү. Кыргыз элчилери Кокондун алты дарбазасы тең замбирек атылып, жабылып калгандыктан, ошентип ээн талаага түнөштү. Эртеси дарбаза ачылып, анын башчыларына камдап келе жатышкан тартууларын берип шаарга киришти. Ал күнү элчилер ханга кире алышкан жок, дагы «Кербен сарайына» түнөп чыгышты. Ошентип эртең мененки улуу шашкеде хан сарайына киришип, ханга жолугушуп, тартууларын беришти. Бир топ келээр-кетээр сөздөрдөн кийин «Ак үйлүүгө» балдарына келишкендигин айтып өтүштү эле, хан алаканын чапты.
Диванкананын туура жагындагы эшиктен «Эшик ага» көрүнүп, ханга ийилип таазим кылды:
- Лаппай, Алдаяр!
Хан элет бийлерин сөөмөйү менен көргөзүп:
- Изааттуу меймандарды мударис Мустафага ээрчитип барың. Ошол жерден муктаждыгына жооп алышсын – деди.
Айла барбы, хандын сөзүнө анчалык канагаттанышпаган элет бийлери бирин бири карашып, дүмбө сакал бир адамды ээрчип жүрүп олтурушту. Медресе Кокондун эски шаарында эле. Азанканасы заңгырап, бир топ бийик. Хасан «азанчысы» ушул мунарага чыгып үч маал азан айтат. Мечиттин короо-жайы таза. Таң эртеңден баштап суу чачышып, мизилдете шыпырып турушат. Бийлерди ээрчитип келген киши бир эшиктен кирип кетти.
- Бурадарлар, сиздер ушундай тура тургула! Хандын буйругу боюнча келгенимди азирети мудариске хабарлайын! – деди.
«Ак үйлүүгө» алынып келинген балдар болбосо, элет бийлери балакетти эшик сагалашсынбы? Кыжырлары кайнаса да барымтада турушкан балдар үчүн тим болушту. Мударисине кеткен сарт тээ бир оокумда келди.
- Урматтуу бийлер! Азыраак күтүп калдыңыздар. Кечириңиздер, хасирети мударис Мустафа кары кожолор тобуна «калами – Шарифден» икея баштап жатыптыр. Эми колу бошоду, жүргүлө.
Жарык, кенен бир бөлмөгө баштап кирди. Медреседе казандай селде оронушкан бир топ муриддери менен олтурушкан экен, эшиктен элет бийлери салам айтып киришти. Медресенин «Муфту» олтуруучу жеринде алдына калың төшөк төшөтүп, башына калдайта көк селде оронуп эчки сакал, жыртак көз, жашы алтымыштардан ашып калган адам теспе тартып, үргүлөгөн калыбында ооз учунан алик алды. Мустафа мудариси ушул болсо керек дешип, элет бийлери баамдашты.
Жайланып олтурушкандан кийин Мустафа мударис оозун күбүрөтүп, узун, ичке сакалын селкилдетип «Кудайы жолуна» узак дуба окуп бата кылышты. Андан кийин чаар топучан, ала чапан кийген жаш өспүрүм бала жез чылапчын алып, суу куйду. Тасмал жайылып түрлүү даам келди. Дасторкон үстүндө сөз башталды.
- Эзелтен эле элет кыргыздары «Миң тукумуна» жөлөк-таяк болуп келишти. Кечээ эле Шахрук бийдин тушунда Адигиненин баргы уруусунан Миңсейит бий, кыргыздын чоң багыш уруусунан чыккан Мукамбет аталыктын уулу Акбото бийдин жардамы менен ушул Коконду ээлеп, азирети Алимди хан көтөрүп, ошондон баштап ордо курулуп, хан атагы алынып келе жатат. Кудаанын кудуретчилиги минтип бир дасторкондон даам сызып олтурабыз. Жалаң эле Анжиян кыргыздары эмес, элет кыргыздары да хандын тиреги болуп келди. Дагы эле адал кызматыбызды аябай, алык-салыгын төлөп жатабыз. Кокон хандыгы элет жерине чеп салдырса, ага да колкабыш кылып келе жатабыз. Жиберген бектери урматсыйдын үстүндө. Эми «Ак үйлүүгө» алган балдарыбызды бошотуп бериңиз. Мына быйыл эки жылдын жүзү болот. Балдарыбыз элин-жерин сагынышты, – дешип бийлери маселени кабыргасынан коюшту.
Молдо бийлердин дооматын түшүндү. Хандын буларды өзүнө жибергенин, ага кандай жооп берерин да баамдады. Эгер хан «Ак үйлүүдөгүлөрдү» бошоткусу келсе, анда молдого жибермек эмес. Бир ооз гана буйрук бермек.
- Бурадарлар! Асмандан Алла Тааланын буйругу, жер бетинен хандын ярлыгы биздей кулдары үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган нерсе. Улуу даражалуу азирети ханыбыздын асыл буйругу менен элеттик бир боорубуз болгон тандамал мыкты бийлердин балдары «Ак үйлүүгө» келгени ырас! Ал азаматтар улуу даражалуу Бактыяр Сайит ханыбыздын шарафаты менен «калами-Шарифден» таа лим алып, мамлекеттик башкаруу иштерине катышып жаткан учуру. Баштаган дарстарын бүтүшө элек. Куда кааласа ишке көздөрү каныккандан кийин эмдиги жылы үйлөрүнө кайтып барышат.
Элет бийлери чуркурап жиберишти. «Биз ыраазыбыз хандын кайрымына! Дагы бир жылдык окууларын үйлөрүнө барып деле окушат! Бошоткула!»
- Өкүмдардын бийлиги эки болбойт, – деди молдо үнүн бийик чыгарып. «Ак үйлүүгө» алынган азаматтар зынданда жатышкан жери жок. Ал балдар эмес, бизди эмне кылам десе да, анын падышалык өз эрки. Балдарыңар бошобойт, – деп кесе айтты. Бийлер бирин бири карап тим болушту. Өз мекендерине барышып, элет элин ханга каршы көтөрүп чыгууга да мүмкүн эмес. Анткени болгондо да аттуу-баштуу кадырман адамдардын балдары душман колунда турушат. Кичинекей эле кине табышса жыйырма баланын баарын мууздатып салары да ыктымал.
Шаабайлары сууп, хандан көңүлдөрү калып, элет бий лери эл-журтуна кайтып келишти. «Буйруктуу балдар болсо келишээр» – дешти. Ошол бийлер ханга барып келген жылы күзүндө жыйын болду. Мындай жыйындарда калыс бийлер топ башкарышат. Уруулар аралык чыр-чатактар чечилет. Доо өндүрүлөт. Кыргыз эли жөн эле топураган көчмөн эл болбостон, илгертен бери келе жаткан мыйзамдары бар. Ал тигил эле кадимки Самансур хандан калган дешет. Эр өлтүрсө үч жүз жылкы, алган аялын өлтүрсө анын куну жүз элүү жылкы болгон. Аны төрт кесим менен төлөшкөн. Ал кесилген жылкылардын 25и асый, 25и бышты, 25и кунан, 25и тай болгон. Булардан башка эр чанган, эриш бузган аялдарга дагы колдонуучу мыйзамдары болгон. Ууру кылгандарга да айып тарттырышкан. Ошол топто Медет дагы баягы сөзүн кайталап, «Ак үйлүүдөгү» балдар жөнүндө сөз козгоду. Ханга барып келишкен бийлер:
- Тартуу тартып, он бир бий бардык эле, хан теңине албай койду. «Мага саяктардын Медети өзү келсин, ошондо маселени чечип, балдарыңарды бошотуп берем»,– деди дешип, Медетти карандай шылдың кылгандар болду. – Сиз барбасаңыз болбой калды!
Медет тигилердин шылдың кылып жатканын түшүндү. Бирок эгер Коконго барса, балдарды бошотуп келээрине көзү жетип турду. Тигил бийлердин шылдыңы Медеттин сөөгүнөн өтүп, чучугуна жетти. Эмнегедир кандайдыр бир ишенич көңүлүндө пайда болуп туруп алды. Ошентип Коконго барууга бел байлады. Жанына эки жолдош тандап алды. Алар: Кара кучкач Дайырбек, Кулжыгач элинен Жанкулунун уулу Токоч балбанды жактырды. Туу калган бээ жетелетип барып, «Чоң-Дөбөдөгү» Нусуп атасына багыштап куран окутту. Ошентип жолго чыгышты. «Калдаманын» белин ашып, нары эңкейгенде көк жашыл тартып Көкарттын капчыгайы көрүндү. Капчыгайдын ичине түшкөндө, булардын алдын атактары чыккан беш каракчы тосушту.
- Жаныңардан үмүт кылсаңар аты-тонуңарды, чөнтө-гүңөрдөгү пулуңарды чыгарып, таштын үстүнө койгула дагы өзүңөр нары тургула! – деп күрсүйгөн бир немеси буйрук берди.
- Тоспо жолду! – Дайырбек наркескен кылычын кынынан сууруп алды. Бешөөң эмес, отузуң келсеңер да бурчамга келбей башыңар алдагы акылсыз ийниңерден учуп түшөт.
- Токоч да тартынбаган эр неме эле. «Сур келтени» күрсүйгөн кара сакалды көздөй түздөдү. Каракчылар ки йин боло беришти. Андан нары булардын жолун тоскон эч ким болгон жок. Эки күндөн кийин жолоочулар Фергана өрөөнүнө түшүштү. Ал кезде Арка кыргыздары өрөөндү «алты шаар Анжиян» деп аташчу. Мынакей адыры алма, коктусу коон жыттанган берекелүү өрөөн, дүйнөдөгү элдин жыш орношкон жери. Ала-Тоо аймагынан, Түркстан жана Алай тоо кыркаларынан көптөгөн агын суулар агып түшүп, өзүлөрү менен кошо эбегейсиз көп өлчөмдөгү шилендилерди, ар кандай минералдуу туздарды агызып келип, чөгүндү кыртыштарды түзгөндүктөн өрөөндүн жер-жемиши, мөмө-чөмөлөрү ширелүү келет. Адамга да жагымдуу. Жолдо нечен жолу алардын аттарын уурдоого аракет кылгандар болушту. Кантсе да тоодо туулуп, ташта өскөн жолборстой чамынган элеттин азаматтарына даай алышкан жок. «Кокуй мылтыктары бар экен, атып салышат» – дешип чочулашты. Жолдон Коконго бара жатышкан наймандардын бийлери жолугушту. Медеттер эми ошолор менен бирге караандары калдайган топко айланып жүрүп олтурушуп, Коконго келишти. Шаардын төрт тарабындагы дарбазалардан эшек минишип, эки дөңгөлөктүү арабаларын калдыратып айдашып эл агылууда. Кокон эки шаардан турат. Бири дубалдары анчалык бийик эмес, көчөлөрү тар, кербен сарайлары бар жайлар. Экинчиси – Жаңы шаар. Аны Рахим салдырган!
Медеттер эски Кокон шаарына келишип, бир кербен сарайдан орун алышты. Аттарын ат багуучуларга өткөрүп беришип, өзүлөрү наабайчыдан нан, чай, бир азыраак өрүк-мейизи менен кошо жүзүм алышты. Таза аба, салкын боз үйдө өсүшкөн, опур-топурга көнүшпөгөн элеттиктер үчүн Кокон шаары өзүнчө кызык дүйнө катары туюлду. Кечээ эле дарбазадан көптөгөн машакаттар менен киришкен. «Жол салыгы», «дарбаза салыгы» сыяктуу акыларды куралдуу сарбаздар кадам сайын токтотуп алып жатышты.
Түн үп болуп, элчиликке барган үчөө ысуулап, уктай албай чыгышты. Эртеси ар кимден сураштырып олтурушуп, хан сарайына чейин барышты. Бирок ханга жолугушуп, арыз-муңун айтуучулар абдан көп экен. Аларды жолдон тосуп, ханга жолугуучулардын мүдөөсүнө башка кишилер жооп беришип, узатып турушат.
Тартуу менен келгендер, чет өлкөлөрдөн келишкендер, «эшик ага» аркылуу ханга жолугушат экен. Медеттер элет жеринен келишкендерин, ханга жолугуш керектигин айтышты. Бирок «эшик ага» ага болбоду.
- Хасирети өкүмдарга куру кол кирүүгө болбойт. Алып келген тартууңар кана? – деди. Жолдон кошулушкан наймандыктардын бийлери да ушул жерде экен. Алар Абдыразак миң башыга тартууларын өткөрүп беришиптир. Бирок хан аларды эмики жуманын бейшемби күнү кабыл аларын бир «уудайчы» чыгып эскертиптир. Дайырбек менен Токоч ханга тартуусуз кирүүгө болбосун тү шүнүштү. Медет болсо кенеген жок. Эртеби-кечпи, айтор, ханга жолугуша турган үмүт аны жетелеп туруп алды.
Ысуулап, кыска түндүн бир оокумуна чейин чабалактап жатышып, жаңы эле Дайырбек менен Токочтун көздөрү илинген. Аларды Медет ойготту. Эмне болуп кеткенине көздөрү жетишпеген элеттин азаматтары кандайдыр бир зарыл иш чыкканын түшүнүштү. Таң куланөөк болуп калган экен.
- Эртең хандын ит агытып, куш салып сейилдеп чыга турган күнү. Силер Риштан тараптагы дарбазадан чыгып, наркы талаадан күткүлө. Ханга бир жолуксаңар ошол жерден жолугасыңар. Бул «тосмодон» жолугууга мүмкүн эмес,– деп кечээ Нармат датка Медетке кеңеш берген.
Артына келишкен оор жүктөрүн түнөгөн жерлерине ташташып, беш-алты дандырга жабылган нан, сүзмө, күлазыктарын алышып, дарбазадан чыгып кетишти. Талаа ээн экен. Жайылган мал, жайытка мал айдаган жан жок. Шаардан нары талаа, адырлар, Риштан суусун бойлой өскөн калың токой хандын ит агытып, куш сала турган корук жери. Эзелтен бери бул жерлерге эч ким даап келип малын жая албайт. Атайын карап тура турган корукчулары бар. Жер ээн болгондуктан ар түрлүү аңдарга бай. Шалбааларда каз-өрдөктөр толтура. Адырында кекилик, чил, бадалдуу жерлеринде кыргоол толтура.
Муздак сууга жуунушуп, шаар ичине караганда ээн талаа булар үчүн бейиш болуп сезилди. Сүзмө эзишип, эртең мененки насипти үчөө жай олтурушуп жешти.
Күн улуу шашке болуп калган. Шаар сепилинин Риштан тарабындагы дарбазасынан жоон топ атчандар чыгышты. Бута атым окчун алдыда хан келе жатат. Суу куйса төгүлгүс, ыргыштаган көмүрдөй кара жорго минген. Артта нөкөрлөрү. Ханга куйрук улаш ордонун кадырман адамдары. Алардын артына колдоруна туйгун, тунжур, шумкарларды кондурушуп келе жатышат. Араларында бөдөнөгө сала турган кыргый, турумтай кондурушкандар да бар. Алардын арт жагында тайган жетелегендер.
Көк жибек халаттын этеги желбиреп, коюу кара каштуу, быжыгыр көмүрдөй кара сакалы куп жарашып, хан бир топ жылдыздуу адам экен. Медетке бул адам качанкы бир таанышындай көрүндү. Алтын-күмүш, асыл-таштарды чөгөргөн кемер курунда асыл таштар менен сабы кооздолгон болот кестик жүрөт.
Бута атым жакын калганда Медет ордунан туруп, хандын астынан утурлай басып, тебетейин колтугуна кысты. Курч устара менен чачы таза кырылган. Тердеген баштан буу чыгып турду. Омор хан көзүнүн кыйыгы менен өзүн көздөй келе жаткан элеттин кишисин көрдү. Бирок атынын тизгинин тартып токтоп пендечилик кылып сүйлөшүүгө, анын хандык даражасы эрк бербеди. Медеттин айткан саламына жооп бербей, көрмөксөнгө салып, атын теминип өтө берди. Кара жорго гана бир нерсе көргөндөй селт этип, Медет тарапты карап койду. Хандын нөкөрлөрү да унчугушпай өтүп кетишти.
Хан нөкөрлөрү менен Риштандын батыш тарабындагы боз адырлардан куштарына кекилик, чил алдырышты. Кыргыйын бөдөнөгө, шумкарын кыргоол менен коёнго салышты. Буюрса олжо арбын. Бирок эмнегедир хандын көңүлү ачылган жок. Анын оюнан эртең мененки алдынан тоскон элет кыргызы чыккан жок. «Ал ат арытып алыстан атайын мага жолугуш үчүн келди. Соо адам эмес. Тоо кыргызынын ыйманы таза, төп, калп айтпаган карапайым адамы. Куулук-шумдугуң менен иши жок. Ошону үчүн аны атырылып сойлогон ажыдаары, кызыл чаар жолборсу артынан сүйөп алган тура. Кара жорго анын кызыл чаар жолборсунан селт этти. Жарыктык! Мал башы менен кайыпты көргөнүн карачы! Артымда келе жатышкан бектер аны байкашкан жок. Ушул бектер менен элеттин ак ниет адамын салыштырууга болобу? Ордонун бектеринин тили таттуу, зили уу. Ойлогондору бүт жамандык. Эңсегендери байлык менен мансап. Кайра барганда Медетти жолдоштору менен диванканага чакыртып алып сүйлөшөйүн!» – деп ойлоду.
- Бизге хан менен теңдешип сүйлөшүү кайда? – дешти Токоч менен Дайырбек. – Көрүнгөн эле жерден ханды токтотуп сүйлөшө бергидей ал элеттин бийлери эмес да. Ал ордо күткөн салабаттуу элдин туткасы.
- Шаабайлары сууп, ыза болушту. Жалгыз Медет гана кебелген жок. Аны кандайдыр бир үмүт шооласы жетелеп туруп алды. Кайра барышып, ашпозчуга айтышып «Ширин күрүч» жасаттырып жешмек болушту. Ошентип шаарга келишти. Курсактарын кампайтып алышып, түш оой кайра баягы жерине келишти.
Кеч бешим өтүп, күн жамбашка түшүп, ала көлөкө самсаалап калган. Тээ адыр тараптан аң уулагандар көрүндү. Баягыдай эле хан алдыда. Кара жоргонун жол жоргосуна артындагылар шөлпүлдөп жетпей келе жатышат. Медет дагы камынып, ордунан туруп хандын алдынан утурлап тосту. Адат боюнча эки колун бооруна алып, саал башын ийип, салам айтты. Бул саам да хан карап койбостон өтүп кете берди. Анын артынан баягыдай эле нөкөрлөрү өттү. Медет тигилердин артынан узата карап кала берди.
- Ханым! Бир ооз кебибизди уга кетиңиз! Ордоңузга кезексиз кирүүгө болбоду. Ошондуктан Алла Тааланын амири менен ушул талаадан жолуксамбы деген ниет менен кайрылып олтурам! – Бул сөздү хан даана эле укту. Бирок эртең мененкидей эле текеберчилик менен токтогон жок.
Медет келме келтирди. Дөөгүрсүгөн ханга да бир чоң сыр көрүндү. Кара жорго түз эле жерден барып сүрдүгүп, мүдүрүлүп жыгылды. Үстүндөгү хан да жыгылып, үч аласалып кетти. Күү менен келе жатпады беле! Артынан келе жаткандар аттарынан түшө калышып, ханды ордунан тургузушту. Ал кабагын чытып, бетин бырыштырып, Медет тарапты бир карап алды. Медет ордунан жылбай карап турган экен. Башкы увазир дагы Медет тарапты карады. Ал хандын атынын мүдүрүл үшүнө ушул элет кишиси күнөө лүү деп ойлоду.
Ууга чыккандар шаарга киришти. Хандын акиреги сынган экен. Дарыгерлер таңып жатышты.
- Мага жанагы элет кыргыздарын таап, алып кел гиле! Ал адамдарга урмат көрсөткүлө! – деп хан буйрук берди.
Дайырбек менен Токочтун шаабайлары сууп чын эле ыза боло түшүштү. «Бул дүмбө сакал, катынпоз эмнеге деңкейет. Кусур ургурлар! Ханды да биздикиндей эле эне төрөгөн».
Медет болсо сабырлуу, дагы эле аны үмүт шооласы жетелеп кенебейт. Аттарын алып келишип токуп жатышкан. Аңгыча шаардан учкаяк аттарды минишкен бир топ адамдар чаап чыгышты.
- Кудай сактай гөр… Хандын жыгылганын бизден көрү шүп… – деген жаман ой Дайырбек менен Токочтун оюна кылт этип түшө калды. Учкаяк аттар менен шаардан чыккандар бат эле Медеттерге жетип келишти. Алдыда ала туяк жээрде ат минген селдечен кара сакал адам атынан ыргып түшүп:
- Адам атанын ардакталган балдары! Алланын кулу, Ак пайгамбардын үммөтү! Сиздерди улуу даражалуу өкүмдар диванканада күтүп олтурат,– деп эки колун боо руна алып башын ийди. Жээрде атчандын жанындагылар да тигил башчынын кылганын кылып, жапырт аттарынан түшүшүп, баштарын ийишти.
- Капырай, абалдын заматта оңоло калганын карачы!… – Дайырбек менен Токоч Медеттин чыныгы кеменгер, олуя адам экендигине көздөрү жетишти.
Диванканада хан өзүнүн жоон топ ордо кишилери менен олтурган. Сынган жери сыздап, дарыгер берген мумуяны ичип, ошентсе да жаны жер тартып, кыйналып турду. Медетке жолуккандан кийин эс алмак.
Эшик ага кирип, Медеттердин келгенин айтып, эки колун бооруна алып башын ийди. Хан шашылып:
- Тез мында киргизгиле! – деди. Медет эшиктен кирип келгенде, хан ордунан тура калып:
- Келиңиз, даткам! Аман-эсен жүрөсүзбү? Талаадан учураша албаганыбызга айып этпеңиз! Так ээсинин абалтан берки шарты ошондой экен. – Ордо кишилери ханды туурап жапырт орундарынан кары-жашы дебей турушту. Капырай Букардын эмирине, Багдаддын касиет түү пайгамбар тукумунан чыккан кожосуна да хан башы менен минтип ордунан тура калган эмес эле го?
- Даткага сый, урмат көрсөткүлө! Жакшылап мейман камын көргүлө! – Диванканада олтурушкан ордо кишилери таң калышып, бирин бири карашты, хандын акыреги ооруп, чыдатпай тургандыктан, олтургандарга кайрылып, жүйөлүү сөзүн айтып, диванканадан чыгып кетти.
Медеттин датка болушу жөнүндөгү уламышты Токоч балбандын өз тукумдарынан чыгышкан Асанбек менен Абдыкадыр акелер өз аталарынан оозмо-ооз угушкандыктарынан өзгөрүлүүсүз берилип, Дайырбектин тукумдары да ушундай эле маанидеги сөздөрүн айтып келе жатышат. Демек, бул сөз эч кошумчасыз нукура чындыктан алынды.
Келерки жума күнү хан Медетти чакыртты. Диванканада хандын жакын адамдары бар экен. Башкы увазир Абдыразак миң башы да ошол жерде экен.
- Ийе, Даткам! Бакыбат эс алдыңызбы? – деп хан жылуу жүз менен Медетти кабыл алып, өзү колтуктап барып, башкы увазирдин жанына олтургузду. Диванканада Медет тааныбаган дагы бир топ бектер олтурушту.
- Ыракмат, улуу даражалуу ханым! Жакшы эс алдык. Сапарыбыз карый турган мезгил да жетти. Сиздин адилеттүү жарлыгыңызды биздей букараларыңыз ылам дедирбей аткаруу ыйык иш. Асмандагы Алланын амирине, жердеги сиздин өкүмүңүзгө тооп кылып, башыбызды ийип, хасирети Нарбото бий куруп кеткен саябаныңызга топтолуп, аны башпаана кылып, алтын тагыңыздын тиреги болууга даярбыз!
Андан кийин курандан аят окулуп, мурун даярдалып коюлган даткалык даражасы бар чепкенди, маңдайына көөхар тагылган көк селдени кийгизишти. Белине сабы кооздолуп жасалган кылыч тагып, көк дукаба туусун кошо берди. Ошол туу ушул азыр да анын тукумдарында сакталып турат.
Баса, хандын жакын нөкөрлөрү:
- Ханым, сизден бир собол суроого болобу? – дешет. – Болот… Сурагыла!
- Бул элеттин бир бийине эмне мынчалык мээримиңиз түшүп калды? – дегенде, хан бир аз кабагын чытып: «Мен Алланын амири менен анын даражасын көтөрүп жатам! Ал эшиктен кирип келгенде окторулган ажыдаары кошо сойлоп кирди. Анын артынан кызыл чаар жолборсу ээрчий келди. Силер пендечилик кылып, аны байкаган жоксуңар!» – деп айткан дешет.
Ордо адамдары Медеттин хандан алган даткалык даражасына куттук айтып жатышты. Медет ханга таазим кылып ыракмат айтты:
- Кыргыздар көпкө эмес, азга канагат кылышкан, топугу тоодой эл. Сиздин эл арасына жиберген адамдарыңыз «теңирим жамгырын бир жаадырса, терек экинчи жолу жаадырат» кылышып, сиз тараптан мыйзам боюнча чек койгон салыгыңыздан эки эселеп элден төлөтөт. Натыйжада ханды карапайым калкка, калкты ханга жамандап келишет да, ортого чагым салышат.
- Мына колуңузда элеттин жыйырма бийинин балдары турат. Аларды ортодогу «арам тамактар», кыргызды талап-тоноочулар алып келишкен. Чындыгында элет кыргыздарынын сизге жаманчылык ойлору жок. Бейпил жатышкан элге бейкүнөө таккандар – ач көз адамдар. Ошону үчүн алар «көк теңге» үчүн шарият көтөрбөй турган иштерге барышат. Мисалга алсак, өткөн айдын этегинде сиздин кербен тарткан соод а адамдарыңызды өлтүрүп, өзүңүздүн эле бектериңиз тоноп алышып, ушул азыр билмексенге салып олтурушат. Анын ордуна наймандардын Алдаш баатырын кармап беришти. Ал бечара өз өлүмүн күтүп зынданда жатат. Сиздин кербенчилердин айрым адамдары тирүү калышкан. Алар окуяны башынан-аягына чейин өз көздөрү менен көрүшүп, түрлөрүн өзгөртүшүп босогоңузда турушат. Эгер алар жасалма сакал тагынып, түрлөрүн өзгөртүшпөсө, бектериңиз аларды нечак убалсоопко карашпай жайлап салышмак. Аны териштирип алыңыз.
Хан мунун чын-төгүнүнө жетиш үчүн ошол эле жерден өзү тескеп, сурак жүргүздү. Алдаш баатырды зындандан чыгарып келишти. Кербенчилердин тирүү калгандары ханга ийилип салам айтышып, кербенди кимдер тоногону жөнүндө күбө өтүштү.
Баса окурманым! Медеттер Фергана өрөөнүнө түшүшкөндө алар наймандардын бектерине жолугушкан. Алар дагы ханга жолугууга бара жатышкандарын айтышкан. Наймандардын бийи Бекныяз өзүнүн агасы Алдаш баатырды куткарып алыш үчүн ханга тартуу алып бара жатышканын айткан. Медеттер ханга кире алышпай жүрүшкөндө дагы аларга жолуккан. Иш оңунан чыгып, Медеттерди хан кабыл алганда да акмалап жүргөн Бекнияз ага жолугуп, болгон сырын айткан. Ошону үчүн адилеттүүлүктү бетине кармап, хандын алдында Алдаш баатыр жөнүндө жана тигил ордо кишилеринин эки жүздүүлүгүн айтып олтурган себеби да ошондон.
Хан Медет менен коштошуп, «Ак үйлүүдөгү» балдарды алып элине кайтууга уруксат берди. Салык жыйноо чуларды теске салып туруу үчүн Медеттин колуна «Ярлык» кагазын кошуп берди.
Эртеси «Ак үйлүүдөгү» балдар сүйүнүшүп, «үйгө кетебиз» дешип жабыла аттарын токуп киришти. Тегиз аттанганда бирөө жок болуп чыкты. Көрсө, Эшкожонун Жангарачы намыстанып:
- Тогуздап тартуу тартып келип, элеттин он бир бийи бошото албаган балдарды саяктын бир эле бийи тартуусуз келип бошотуп кеткен деген кийин сөзгө калабыз деп «Балаканадан» чыкпай олтуруп алыптыр. Аны угуп Медет өзү кирип барды. Жангарач шашып ордунан тура калды.
- Тапкан экенсиң намыстана турган жерди! Акыл-эсиң барбы? Эртең кокус чагым болуп кетсе, же бийлик үчүн үй-бүлөсүн, а түгүл энесин саткандар көңтөрүш жасашса, тирүү калам деп турасыңбы? Бас, эшикке! – дегенде, күрмөсүн ийнине салып, намыскөй жигит эшикке атып чыкты.
Ошентип Медет «даткалык наам» алып, аман-эсен элжерине келди. Баягы шылдың кылган бийлердин күлкүсү тыйылды. Аттуу-жөөлүү болушуп «даткага» саламга келип жатышты.
- Атаңдын гөрүү эй… Бул саяктын тилинде мөөрү бар! – дегендер да болушту. Бирок Медет баягысындай жөнөкөй, басмырт жүрдү. «Хандан барып даткалык» наам алганын этибарга да алган жок. Бирок чийинден чыгып, чакчаңдашып, мурункудай салык жыйнаган сарттардын каалаган иштерин аткара берүүгө чек коюлду. Медет аларды тескеп турду. Бир жолу хандын буйругусуз эле сарбагыштардын бир байынын койлорун жайыттан айдатып келишип, көп койлордон тандап жүз элүү ириктерди, туу калган койлорду айдатып бара жатканда, Медет үстүнөн чыгып, койлорду агыттырып, салык жыйнаган ээнбаштарды айдатып барып, чептин бегине тапшыртат. Солтолордун манап-байларын хандын Бишкектеги Ракматулладан мурунку беги айдатып барып, зынданга салдырганда Медетке киши чаптырып, ал киши келип бошоттурган экен. Эми мындай иштер ай сайын болуп турган. Демек, Түндүк Кыргызстанда Медетсиз иш бүтпөй калган. Кыздардан «ордо кыз» алуу токтотулган.
Ошондой кадыр-баркка ээ болсо дагы мурункудай эле жардылыктан чыккан эмес. Бир жолу бир жактан келе жатышкандар Медетке конок айттырышат. Болгондо да уяттуу кишилер конок айттырышат. Байбиченин чыйпыйы чыгат.
- Датка! Палан кишилер конок айттырыптыр! Кам-кашегин көрбөйсүзбү? Бай туугандарыңыздан соёрго мал суратыңыз!
- Жок! – деди Медет. – Конок келишсе мейли. Буюрг ан даам тургандыр. Мен бирөөлөрдүн ичин оорутуп, кимден мал сурамак элем – деп болбой коёт. Ойдо жок жерден бирөөлөр туу калган бээсин тартуулап келип калат. Аңгыча Кашкар тараптагы бир досу эки төөгө сылай ун, күрүч жүктөтүп келип калат.
- Капырай… ырыскы өзү келгенин карачы? – деп байбичеси таң калат. Медет өзү жарды болсо да бирөөдөн ичин оорутуп, анын чычкак улагын алган эмес экен. Бирок датканы сыйлашып, күнүгө үзүлбөй кой, козу, кызыр эмди тайлар келип туруучу дешет. Ал өлгөндө да ашын бүткүл эли, куда-сөөк, дос-тамырлары беришкен.
Жапар КЕНЧИЕВ
ОРМОН ХАН
Ормон Ниязбек уулу ХIХ кылымдагы кыргыздагы залкар коомдук жана мамлекеттик ишмер, чыгаан жоокер, кол башчы, айлакер дипломат, кыраакы саясатчы, кыйынчылыкта кайраттуу, жүрөгүндө кара жок эр адам болгон. Ал 1790-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө төрөлгөн. Атасы Ниязбек сарбагыш уруусунун белгилүү бийи болгон.
Ал кылымда сарбагыштар Ысык-Ата суусунан тартып, Чүйдүн чыгышын Чаекке чейин, Көкмойноктон тартып Ысык-Көлдүн күңгөйүн Шатыга (Түп) чейин ээлешкен. Ормондун балалык чагы Чоң-Кеминде, Көкойрокто өтөт. Хан шай ланып, ордосун көлдүн күңгөйүнө Байсоорунга көчүргөнгө чейин ал атасы Ниязбек менен чогуу ЧоңКеминде жашаган. Көкойроктун «Жая» деген чалкыган жайлоосунда «Ормон арык» делинип калган Ормон каздырган арык бүгүн да бар. Ал жерде «Ормон конуш» деп аталган конушу бар. Атасы Ниязбектин сөөгү ЧоңКеминдеги Балыксай деген кыштоонун оозуна коюлган.
1807-жылы Кочкор, Жумгалдагы саяктардын бийи Качыке Чүй сарбагыштарына кол салып, чоң салгылашуу болот. Саяктар үстөмдүк кылышып, көп жылкы тийип алып кетет. Ормон 17 жашында ал согушка катышып, саяктардын колуна түшүп калат.
Туткундан амал таап бошонуп, Жумгалдан Чоң-Кеминге 6 күн ачка, тоо-таштарды аралап качып жүрүп араң келет. Мына ушул согуш Ормондун кийинки өмүр жолунун өтүшүнө чоң түрткү болгон. Ал Чоң-Кеминге келгенде өзүнө моюнча курдаштарынын ичинен мыктыларын тандап жигит күтүп, алар менен чогуу найза сайыштын, кылыч чабыштын, ок атыштын ыкмаларын үйрөнүшөт. Аттарын таптап минишет. Кийин Ормондун, Жантайдын баатырлары аталып калышкан. Карачолок, Аюке, Жайчыбек, Майтыктар Ормон менен чогуу өсүшкөн Чоң-Кеминдеги сарбагыштын Жантай бутагынын азаматтары болушкан. Ормондун ишенимдүү жигити, чабарман элчиси Саза дагы Жантайдын ичиндеги Мендеке деген уруудан. Акырындык менен Ормондун аты Атаке сарбагыш, Эсенгул сарбагыш, Черикчи сарбагыштарына кенен таанылып, атак-даңкы чыгып, ал элдин урматтоосуна татыктуу боло баштайт. Аталаш тууган иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын (Байтик баатырдын атасы) кызын алып берип, солтонун мыктылары менен куда-сөөктөшөт. Саяктардын билерманы Медет датка менен ымалалашат, ал эми Чыны бий менен достошот. Бугунун бийи Боромбайдын Өмүрзак деген уулуна өзүнүн Кулан деген кызын берип, бугуларды да колуна алат. Чериктердин баатыры Ажыбек менен өзү, Тайлак баатырдын уулу Осмон менен уулу Чаргын достошот.
Кетмен-Төбөлүк Ырыскулбекке өзүнүн Эсенгул тукумунан кыз берет. Рыскулбек Эсенгул сарбагышына күйөө болуп калат. Ошентип Ормон Чүй, Көл, Нарын, Талас, Кетмен-Төбө чөлкөмдөрүндөгү кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктейт. Ал ушул чөлкөмдөрдөгү уруулардын башын кошуп өзүнчө хандык түзүүнү ойлоп, 1842-жылы көл этеги Көтмалдыга кыргыздын курултайын өткөрөт. Курултайга сарбагыштардан: Жантай, Калыгул, Төрөгелди; солтодон: Жангарач, Тынаалы; саяктардан Медер датка, Чыны бий, бугулардан Боромбай, Муратаалы; чериктерден: Ажыбек баатыр, кушчулардан Бүргө баатырдын уулу Калча; саруулардан Ажыбек датка, моңолдордон Жакыпбек башташкан топтор келет. 500 боз үй тигилет. Бул курултайга «кайсы бир маалыматтар боюнча Адигине жана ичкиликтердин өкүлү болуп, Алымбек датка да катышкан». (К.У.Үсөнбаев «Ормон хан» 1999, 31-бет.)
Ушул мезгилде кыргыздардын ахвалы оор болуп турган (миң жылдар бою кыргыз элинин абалы дайым оор болуп келген). Бухарадан бөлүнүп, өзүнчө хандыкты ээлеген Кокон хандыгы кыргыздарды баш ийдирип алган. Кашкарлык кожолор да жарым жартылай кыргыз урууларын (нойгут, чоң багыш, черик) өзүнө багындырып алган. Калмактын тайшасынын ХVIII кылымдагы кыргыздарга көрсөткөн баскынчылыгы элдин эсинен чыга элек эле. Эгиз козудай кыргыз, казактын ортосунда ынтымак жок эле. Ормон курултайда ушул оор абалды элге айтып жеткирип: «Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бир муштумга түйүлөлү. Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы бар, бул эле Казактын султандары бар. Биз болсо, ар кимибиз өз уруубуздун арсыз намысын тутуп, чачырап, бириге албай жүрөбүз. Минтип жүрө берсек, эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биз да биригели. Өзүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайлайт. Ошон үчүн ушул курултай чакырылды» – деп элге кайрылган. Калыгул, Ажыбек баатыр, Жантай, Төрөгелди, Боромбай, Жангарачтар чыгып сөз айтышып, хандыкка Ормон гана татыктуу дешкен. Эл макул болуп, Ормон Ниязбек уулуна айтамгалуу кызыл кымкап менен тышталган кызыл тебетей кийгизип, хан шайлашкан. Ормон хан ордону Байсоорунга орноткон. Хандын тамгасы, мөөрү болгон. Бул жөнүндө тарыхый булактар арбын. Ормон хан болуп шайлангандан кийин, көз карандысыз өзүнчө мамлекетти түзүүгө аракеттенген. Кокон хандыгынын «Куртка», «Байсоорун» чептерин талкалаткан. Кыргыз урууларын бириктирүүгө көп аракетти жасаган. Анын жүргүзгөн саясаты жемиштүү болгон. Уруу аралык касташуулар кан буугандай токтотулган. Кокон хандыгы Ормонду колдон чыгарбаш үчүн ага «парваначы» деген өтө бийик наам берген. Бирок Ормон чындап келгенде Коконго баш ийген эмес. Ормон хандын кыргыз элине өзгөчө сиңирген эмгеги – кыргызды басып алам деп келген казактын султаны Кенесары Касымовду жеңиши, аларды кыргыз жергесинен кубалашы. Кенесарынын колун талкалап, анын өзүн туткундап өлтүр гөндөн кийин Ормон хандын ысымы Кытай, Орусия империяларынын сарайларында айтыла баштайт.
Ормон кыргызды өзүнчө көз карандысыз мамлекет кылууга аракеттенет. Муну сезген Кокон хандыгы Ормонду ийнине киргизип, жерлерин басып алуу үчүн Мусулманкул аталык баштаган 5000 аскерлерин жиберет. Мусулманкул жоо керлери менен Меркеден өтүп, Аштырма деген жерге келет.
Муну Ормон Байсерке деген элчиси аркылуу күн мурун билип, Жангарач, Жантай үчөө өздөрүнүн колдору менен Мусулманкулду тосуп чыгышат. Кармашуу бир жума созулуп, Мусулманкул кайра чегинүүгө мажбур болот. Көлдүк бугуларды кайра-кайра чабарман жиберип, согушка келүүсүн талап кылса да алар келбей коюшат. Ормон хан бугуларга абдан нааразы болот. Алар Кенесары менен болгон согушка да катышпай коюшкан.
«Кыргыздын тагдыры кыл үстүндө турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар кысталактар» – деп Ормон Боромбайга, Мура таалыга дайым нааразылыгын айтып, аларга кыжырланып жүргөн.
Ормон хан болгондон кийин анын эң башкы максаты – кыргыз жеринин нукумун башкаларга ээлетпей, көздүн карегиндей сактоо, чек араны кеңейтүү болгон. Бул багытта ал Иле дарыясынын жээгин кыргыздын жерине кошууну самап, өзү 500гө жакын үй менен Иленин жайыгына көчүп барган. Кыргыздын «Санташ», «Бедел», «Тоюн», «Ашуу-Алматы» чектерине кароол-чеп орноткон. Ал чептерде бажыканалар иштеген. Ормон мамлекетти түптөө максатында борбордоштурулган бийликтин түзүлүш төрүн орнотууга аракеттенген. Тышкы иштер боюнча Медетбекти, сот бийлигине Миңназарды, кол башчылыкка Төрөгелдини, анын жардамчылыгына Адыл баатырды, Алыбек баатырды дайындаган. Чабарман элчи болуп Саза дайындалган. Сазага Кокон хандыгы «датка» деген наам берген. Ормон «парваначы» Саза «датка» деген Кокон хандыгынын бийик наамдарын өтө барктаган эмес.
Ормон хандын доорунда түндүк кыргыздар көрүнүктүү биримдикке, өзгөчө хандыктын биринчи он жылында жетишкен. Муну көп тарыхый материалдар далилдейт. Бирок казактар Кенесары баштаган кандуу согушта Ормон хан баштаган кыргыздардан таш-талканы чыгып жеңилишкенине катуу намыстанышып, Ормон хандын көзүн тазалоону ойлонушкан. Өзгөчө бул ишке казактын Султаны Тезек төрө катуу киришкен. Ал Ормон хандын көлдүк бугуларга нааразы болгонун сезип, көлдүн Боромбай, Муратаалы, Тилекмат, Качыбек, Токсаба өңдүү мыктыларын паралап, Ормонго каршы тукурган.
Ормон хандын да бугуларга нааразылыгы күчөгөндөн күчөйт. Кийинки убактарда Боромбай Орусиянын төбөлдөрүнө, Тезек төрөгө жакындап, алар менен ысык ымала түзүп, Орусия падышачылыгына букара болуп кетип, Ормондун бийлигинен кутулууга катуу аракеттенет. Бизди өзүңөрдүн бооруңарга алгыла деп кат жазып, Омскидеги орус бийликтерине кишилерин жөнөтө берет. Мына ушундан пайдаланып, Тезек төрө: «Бугунун мыктылары менен сүйлөшүп, Ормонду капысынан колго түшү рүп, жайлап салгыла» – деп бузукулукту жүргүзүүнү күчөтөт. Бугунун манаптары менен Тезек төрөнүн ортосундагы булганыч байланышты ишке ашырууга Тилекмат Жылкыайдар уулу элчиликти жүргүзөт. Натыйжада, Тезек төрөнүн кеңеши менен бугулардын оёндору жүзү каралык кылышып, кутум курушуп, Ормонду өлтүрүүнү чечишет. Кутумга киргендер: Боромбай, Муратаалы, Токсаба, Самсаалы, Качыбек, Зарпбек жана Ормондон качып барып, бугулардан калканыч издеген Кетирекейдин Алыбеги.
Ормон көлдүн башын кыдырып, «Санташтагы» чекти көрүп, кайра келе жатканда найза, кылыч, чокмор, мылтык менен куралданган бугунун 300дөй жигиттери, булардын башында Боромбайдын улуу уулу Кылыч, алдаяр уруусунун баатыры Нышандын уулу Мырзалар болушат. Ормонду коштоп жүрүшкөн жигиттердин саны болгону отуз эле. Ормонду колго түшүрүп туткундашат. Ормон күйөө баласы Өмүрзактыкына алып баргыла, Боромбайга Ормон колго түштү деп айткыла дегенде, аны өзүнүн кызы Куландыкына алып барышат. Өмүрзак Боромбайдын баласы, Куландын күйөөсү, Хандын күйөө баласы. Боромбай Ормондун кан кудасы. Өмүрзак үйдө жок болот. Ал да кутумдун ичинде эле. Кутумдун катышуучулары Жыргалаңдын боюнда кабар күтүп турушкан. Кылыч келип аларга хандын колго түшкөнүн айтканда, кутум Ормонду өлтүрүүнү чечет. Ормонду токтоосуз өлтүрүүнү өзгөчө Тилекмат менен Алыбек катуу коюшат. Ошентип, Ормон хан жүзүкаралык менен өлтүрүлөт.
«Ормон бугулардын жерине кызыгып, ал жерлерди ээлегиси келип, согуш ачып келгенде, бугулар аны алышкан» деген сөз суу кечпеген калп. Бул сөз Ормонду өлтүрүшкөнү кара ниеттик, жүзүкаралык, ыймансыздык болуп калганын сезишип, Ормон биздин жерибизди тартып алганы келгенде өлтүрдүк дешип эки кылым бою актанымыш болгону чындыкка жатпайт. Ормон мыйзамдуу хан шайланган. Ал кыргыз жерин солтого карайбы, бугуга карайбы өзүнүн хандыгына таандык деп эсептеп, тышкы душмандардан дайым коргоп турган. Буга мисалы, Чүй жергесин Кенесарыдан, Мусулманкулдан коргоп, алар менен аёосуз согушуп, кыргыз жеринен кубалап чыкканы, чек араларга кароол-чектерди уюштурганы, кыргызга Иленин жайыгын (бул көп жер) кошуп алууга аракеттенгени.
Экинчиден, Ормондун эли көлдүн күңгөйүн Шатыга чейин ээлешкен. Бугулар көлдүн кылаасын эмес, баш жагын Сартологой, Санташ, Түргөн, Зындан, Керегеташтарда» жайгашкан. Ошондуктан аларды «көл башында көп бугу» дешкен. Ормон хандын өлүмү – шейит өлүм. Аны Боронбай, Тилекмат баштаган бузукулардын тобу өлтүрүшкөн. Ормон хандын өлтүрүлүшү тарыхыбыздын кара барагы, чоң тарыхый трагедия. Эми Ормон ханды өлтүргөн ким? Кеп мына ушунда. Элде Ормонду өлтүргөн Балбай болуп жүрөт. Ал бир айтымда Ормонду аткарып жатып канжар менен колтукка сайып өлтүргөн делсе, бир айтымда Ормон өргөөгө жалгыз калганда, учурашам деп келип сабын кыскартып жеңине катып алган найза менен табарсыкка сайып өлтүргөн болуп жүрөт. Тарыхчыларыбыз дагы ушул негизсиз версияны кармап алышты.
Мен көл башында 10 жыл иштедим. Балбай жөнүндө улама баяндарды, легендаларды уктум. Балбайдын өмүр жолун, жашоо-тиричилигин, анын барк-баасын көп уктум.
Ошол уккандарымдын логикасынан, кээ бир тарыхый болгон окуялардын негизинде Балбайдын Ормон ханды мыкаачылык менен капысынан айбанча өлтүргөнүнө ишенүү кыйын. Буга төмөнкүдөй жүйөлөрүм бар:
Атасы өлтүрүлгөндө Кулан чыгаан кошокчу-акын экени билинген. Ормон хандын Сейилкан уулу да акындык талантка ээ болгон. Бирок ал эл аралап ырдабай калган. Эл аралап ырдаганды хандын тукумдары намыс көрүшкөн. Анын жамактары, ырлары элге тарабай калган. Куландын акындыгы кошок аркылуу билинген. Кулан өзүнүн кошокторунда атасынын өлүмүнө байланышкан адамдардын баарын атаган. Аларда Балбайдын аты аталбайт. Анан эле кайнатасын аябай, жазганбай кошкон Кулан, эгерде атасын Балбай сайып өлтүрсө, аны айтпай калабы. Ормон хан Куландын колунда өлгөн. Атасынын кандай өлтүрүлгөнүн даана билген.
Ормон хандын өлүмүнүн изи сууй электе, хандын кунун кууп, Үмөтаалы, Төрөгелдилер бугуларга кол салышып, бугу менен сарбагыштын үч жылга созулган кандуу салгылашуулары жүрүп жатканда келишкен Чокон Валиханов, Семенов-Тянь-Шанскийлер Ормонду баскынчы катары көрсөтүшүп, ал бугулар колдуу болуп өлтүрүлгөнүн жазышкан. Алардын эмгектеринде да Балбай өлтүрдү деген сөз жок.
Эки урууну тең өзгөчө Семенов-Тянь-Шанский кыдырган. Ал киши Үмөтаалы менен жолугуп, сарбагыштардын колуна түшкөн Боромбайдын аялдарын бошотконун, аялдарын Боромбайга алып келгенде, анын жаш балача шолоктоп ыйлаганына чейин жазат. Ал кишинин жазмаларында Ормонду Боромбайдын уулу Кылыч сайган деген жер бар. Буга таянсак, анда Ормон ханды сайып өлтүргөн Кылыч болуп калабы? Аталган окумуштуу-изилдөөчүлөр кыргыздар, алардын жерлери, көлдөрү жөнүндө көп баалуу эмгектерди калтырышкан. Бирок Ормон ханды бугулардын жерине көз артып, аны тартып алууну көздөгөн деп жазышкандары, Белек бугуларынын Ормон ханды жапайычылык менен өлтүрүшкөнүн актоо максатында чыгарган жүйөлөрү гана. Окумуштуулар муну Белектердин жандалбас жүйөлөрүнөн гана жазып алышкан. Бул жүйөнүн ээси Жылкыайдар уулу Тилекмат. Ошол киши: «Ормон көлдүн башын өзүнө алып, бизди көлдөн чыгарганы калганда, биз Ормон ханды мойсодук» – деп жумурай журтка тараткан. Ормон түндүк кыргыздардын эл шайлаган мыйзамдуу ханы болгон. Нарын, Талас, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын баа ры Ормон ханга тийиштүү болгон. Ал киши башка уруулардын жерин ээлеп алмак түгүл, солтонун жери болгон Чүйдү Кене хандан, Кокон хандыгынын кол башчысы кыпчак Мусулманкулдан коргоп калып, алардын колдорун талкалаган. «Кыргыз жерин кеңейтем» – деп Илеге чейин барган. Кыргыз жерин коргоп, Тоюнга, Беделге, Санташка чеп орноткон. Ал киши кыргызды өзүнчө мамлекет кылууга умтулган улуу адам.
Такталган эсеп боюнча Ормон хан 1855-жылы 65 жашында өлтүрүлгөн. Балбай анда 61 жашта болуучу. Бул жаштарды көп булактар далилдейт. Анан пайгамбар жашын камтып калган Балбай баатыр ууру итче тымызын, кур шылтоо менен капысынан сайып өлтүрөбү? Албетте, турмушта баары болот. Андай абышкалар чанда чыгып калаар. Балбай баатыр андай акылы тайкы, зөөкүр адам болгон эмес. Андай зөөкүрлөрдү кыргыздар баатыр аташпайт. Ал ата-салтын, үрп-адатын жакшы билген, алардын чегинен чыкпай сактаган, көл башындагы даңктуу баатыр болгон. Анан ошол адам куру шылтоону жамынып барып, туткундалган ханга байкатпай бычак салабы? Балбай жөнүндөгү мурастарга кайрылсак, ал киши андай кара булганыч иштерге барчу адам эмес. Кээ бир Балбайдын жердештери Ормон ханды биздин бабабыз Балбай өлтүргөн дешип көтөрүлүп, мактанып жүрүшөт. Ошол булганыч ишке мактаныш, Балбайды зөөкүр, мыкаачы канкор, тымызын киши өлтүргүч кылыш атактуу баатырды маскаралаш эмей эмне? Башында мээси бар адам ушул булганыч ишке кантип сыймыктансын. Бул одонолукту байкап калышкан кээ бир интеллигент сөрөйлөрү: «Жо-ок, Ормонду Балбай жекеме-жеке эр сайышта сайып өлтүргөн» – дешип суу кечпеген калптарды жайылтышты. Болжолу, айта берсе, жаза берсе боло берет дешет ко. Бугу менен сарбагыш Ормон хандын убагында өз ара согушкан эмес. Ормон хандын бугуларга чоң нааразылыгы болгону да тарыхый чындык. Кыргыз жерин 20 миң колу менен Кене хан, 5 миң сарттары менен Кокон хандыгынын аскер башчысы Мусулманкул кыргыз жерин басып кирип, кызыл кыргын согуш болгондо кыргыз элинин башында турган хан Ормон бугуларга кайра-кайра кабар айтып, кыргыз жергесин чогуу коргоого чакырганда, алар келбей коюшкан.
«Кыргызымдын тагдыры кыл үстүндө турганда кызыталактар келбей коюшту» – деп Ормон бугуларга абдан нааразы болгон. Ормон хандын бул нааразычылыгы өмүрү өткүчө жоюлган эмес. Анан эле 65 жаштагы хан, 61 жаштагы Балбай баатыр жекеме-жеке эр сайышка түшүп калат. 65 жаштагы ханын эр сайышка чыгаруу кыргыздын ата-салтында жок. Кене хан, Мусулманкул менен болгон кандуу кыргында да Ормон хан кол баштап, найза, кылыч кармап душмандары менен былчылдашкан согуштун уюгуна кирген эмес. Ал киши жоокерлердин ордосунда болуп, согушка стратегиялык, тактикалык жетекчиликти жүргүзүп турган улуу кол башчы болгон. Балбай баатыр да 50 жаштан өткөндөн кийин оорукчал болуп, жигиттерине акылы, сөзү менен жетекчилик кылган. Анан эле 65 жаштагы кыргыздын ханы, 61 жаштагы күчү кайтып, оорукчал болуп калган Балбай баатыр менен жекеме-жеке эр сайышка түшүп калабы.
Ормон хан жаны чыкканча акылынан адашкан эмес. Өлөр алдындагы кылымдар бою элдин эсинде сакталып келген керээзинде Балбай сайган болсо, анын атын айтат эле го. Мырзаны айтып жаткан, Жантайга нааразычылыгын билдирген, жаш жигит Шаменди эстеген, андан башка ондогон кишилердин тигил-бул иштер боюнча атын атаган, канжар сайган Балбайдын атын унутуп калмак беле. Ормон хандын керээзинде Балбай жөнүндө сөз жок.
Балбай баатыр колго түшүп, туткун болуп да көргөн. Кочкор, Жумгалдагы Курманкожо, Кулжыгач саяктарына барып, жылкы тийип алам деп колго түшүп калат. Ошондо анын бир кулагын өлөсөлү кемпир эле шамшар бычак менен шыпыра кесип таштаган. Ошондо ал: «Колго түшкөн туйгундун көзүн таранчы эле чокуп коёт турбайбы» – деп арман кылган. Анан ошол баатыр колго түшкөн ханды тымызын байкатпай, канжар уруп өлтүрүп коёбу?
Көл башындагы бугу уруусунун Белек бутагын: «Көл башында көп Белек» – деп коюшат. Белек тукумдарын 10 ата Белек дешет. Анткени Белек бийдин эки аялынан он уул төрөлгөн. Биринчи аялынын аты – Жеке. Аны Салмаке деп да коюшкан. Андан 4 уул: Тогузбай, Элчибай, Кожом, Шүкүр. Дагы бир аялынын аты – Жаркын, андан 6 уул: Токой, Токоч, Толубай, Саты, Алдаяр, Алдаш (Андаш). «Алдаяр атын мактайт, Андаш катынын мактайт» деген ылакап сөз ошолордун кылык-жоруктарынан калган. Андаштан Меңмурат жана Бирназар тукумдары. Боромбай Меңмураттан, Бекмураттын уулу. Муратаалы Бирназардын уулу. Ормон хандын мезгилинде Белекти ошолор бийлеген. Бугунун башка чоң уруулары: Арык тукуму, Алсейит, Тынымсейит, Бапа, Желдеңдерге таасирлери күчтүү болгон эмес. Балбай Белектин Төкөй уулунан. Балбай жаш кезинен эле тайган ээрчитип, ууга чыкпай, жылкы тийип уурулукка машыккан. Кыргызда көп жылкы тийип келген жигиттерди айылдаштары «баатыр» атап алышкан. Балбай адегенде мына ушундай «баатыр» болгон. Ал каратаман элге жакын болуп, тийип келген жылкыларын улуу-кичүү дебей Токой уулуна, башка Белек тукумдарына бөлүп берип, карапайым элде чоң кадыр-баркка жетишкен. Адатта андай эр жүрөк, колу ачык жигиттер «чоңдорго» жакпайт эмеспи. Ал «колу ачыкты» манаптарга көрсөткөн эмес. Кедей-кембагалдарга жасаган. Боромбай, Муратаалы, Бирназардын тонсуз уулу Тилекмат, Солтобай, Зарпбектер Балбайды четтетип жүрүшкөн. Балбай муну жакшы түшүнүп, өзү да тигил Белектин мыктыларынан жийиркенчү экен. Балбайдын эр жүрөктүүлүгү, айкөлдүгү бийик болгон. Өзүнүн ишенген жолдошу Эрдене баатыр болгон. Эрдене сарбагыш. Уруусу Надырбек. Балбай баатыр Белектин бир дагы мыкчегерине моюн сунуп, баш ийген эмес. Бирок Белектин башына оор күндөр түшкөндө, ич ара нааразылыктарды унутуп, жигиттерди баш коштуруп, Белектин намысын корг огон.
Балбайды кийин орустарды өлтүргөн дешип, Бором байдын аталаш иниси Зарпбек менен уулу Өмүрзак ак пады шанын солдаттарына кармап беришкен. Муну сезип калган Балбай Текеске качкан. Өмүрзактын жигиттери казак орустарга жол көрсөтүп олтуруп, Балбайды кууп жетишип, орус аскерлеринин колуна түшүр үшкөн. Балбай мени бошотуп алсын – деп Эрденеге кабар бердирген. Эрдене «300 жигит бер, Балбайды орус аскерлеринен бошотуп келейин» дегенде Зарп бек макул болбой койгон. Ал кезде Боромбай өлүп, орустар Караколго уезд ачып, Зарпбекти уездин начальнигинин орун басарлыгына дайындаган. Көлдүн күң гөйүнөн Үмөтаалы сүрүлүп, ал жерде сарбагыштын Надырбек уруусу гана калган. Орустан кол алып, өзүнүн жигиттери менен Зарпбек сарбагыштын көлдө калышкан Надырбек уруусун Кочкорго чейин чапкан. Ошондо жаралган ыр:
«Сарыдан айгыр салганы, Саамал ичип кеңелдик. Зарпбек султан болгону, Сарбагышка теңелдик».
Бул ырды улуу акын Арстанбек Буйлаш уулуна таандык кылып жүрүшөт. Менимче, туура эмес. Анткени Арс танбектин мурастарында орустун келишине каршы добуштар бар. Зарпбекти казактарды туурап, Арык-Белек тукумдары «Султан» деп атап алышкан. Зарпбек уезддин начальнигинин орун басары болгондо, жардамчысы Тилекмат болгон. Мына ушул жагдайларды ойлонуштуруп олтурсаң, Балбай Боромбайдын, Мурат аалынын, Зарпбектин же «кул» Тилекматтын, «качкын» Алыбектин тилине кирип, Ормон ханга ууру кол салчу адам эмес деген тыянакка келесиң. Ормон ханды бузукулук кылышып, өлтүрткөндөр жогор кулар.
«Хан Ормон Балбайды орго салган. Ага Балбай кектен ип жүргөн. Ормон капысынан колго түшкөндө: «Кудай эми берди» – деп Балбай эч кимге кеңешпей эле, аны ат карып жатып, найза урган деген сөз да бар. Санжыра-тарыхты териштирип олтурсаңыз Ормон Балбайды баалоочу экен. Байсоорунда мыктылардын бир жыйынында: «Кудай Таалам мени ага-иниден кем кылган жок. «Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек» делинип, бир туугандарым сегиз аймакты бийлеп турат. Тогузунчу иним «Түлкү баатыр» атанды. Ошондой болсо да Ажыбек агам, Балбай иним болуп калса гана дегем дептир. Ажыбек чериктердин баатыры, Балбай Бугу-Белектердин баатыры болушкан. Ал эми Балбайдын орго салынганы мындай: «Балбай ууруга барып, Курманкожо, Кулжыгач саяктарынын колуна түшүп, туткун болуп калат. Алар: «Кудай мындай бербеспи. Эми бугудан 100 тогуз алабыз» – дешип кудуңдашып сүйүнүшөт. Алар Балбайды туткунда 8 ай кармашат. Бугулардан кабар жок. Муну сурап келген киши жок. Теги жок неме турбайбы. Ким кун дооламак эле өлтүрүп салалы дешкенде Медет датканын уулу Дуулат: «Ормон хандын уруксаты жок өлтүрсөңөр кутулгус кунга каласыңар. Мен ал чулдур менен сүйлөшкүм да келбейт. Ормондон уруксат алгыла» – дейт. Саяктар Ормон ханга келишип: «Балбайды бир жылга жакын багып жатабыз. Бугулар аны сурап да коюшкан жок. Ал көп жолу жылкыбызга тийген. Аны мүрт кылып коёлу деп өзүңүздөн улуксат сурап келдик» – дешкенде Ормон: «Аны мага алып келгиле. Өзүм жазалайм» – дейт. Саяктар «Хан дарга асат ко» – деп ойлошот. Ормон хан Балбайды орго салат. Ордо бир жылдан ашык жатат. Балбай ордо жатып оорукчал болуп калганда, Ормон өзү Бирназар бийдин тукумдарынан болгон Сырдыбайга киши чаптырып: «Эптеп ырымын кылып алып кеткиле Балбайды», – деп кабардаган. Сырдыбай өзүм барсам Боромбай, Муратаалыга жек көрүндү болом го – деп ойлоп, Кыдык уруусунан Чынгыш деген кишини жиберген. Бул жөнүндө Белек Солтоноевдин жазганы: «Акыры Ормонго Кыдык уругу, бугунун ичиндеги бир тамыры – Чынгыш күлүк кара ат жетелеп келгенде, Ормон Балбайды чыгармакчы болуп, андан: «Чунагым, атка чапсаң ченеп чабарсың, эми тынч жүрө сүңбү?» – дегенде Балбай: «Эл тынч жүрсө мен да тынч жүрөмүн, эгерде эл тынч жүрбөсө, алдын торой чаап жүрөмүн» деген. Ормон бир сыйра кийимин берип жөнө түп жиберген. («Кызыл кыргыз тарыхы» I китеп, 199-бет.) Бир жыл ордо жатыш оңой эмес. Балбайдын Ормонго, балким, ичи сууп калгандыр. Ошондой болсо да Балбай Ормон ханды катынып өлтүрүүгө барбайт эле. Анткени ал ар кандай кагылышууларда: «Жашырынып келген чөөлөр арстанды да жеп коюшат. Эр жигит болсоңор ачыкка чыгып кармашалы» – деп боз айгырын кээде жайдак, кээде токумчан минип, жоого ачыкка чыгып кармашкан. Ошондуктан туткундалып жалгыз калган ханды арамза булганыч жол менен өлтүрүүгө Балбай баатырдын абийири, эркектиги жол бербейт эле.
Бул менин ой-тыянагым. Бул туура эмес, Ормонду Балбай аткарымыш болуп, колтукка сайып өлтүргөн дегендер сөзсүз болот. Тарых акыры тактаар. Мен Балбай баатырдын Бруттай жүзүкара болуп калышына кападар болуп кетем. Брут деген байыркы Рим империясынын императору, дүйнөдөгү полководецтердин эң мыктыларынын бири, Юлий Цезарды сенатка келе жатканда капысынан канжар уруп өлтүргөн адам. Брут дагы байыркы Рим империясынын атактуу адамы, сенатор болгон. Брут мына эки миң жылдан ашуун жүзү каралыктын үлгүсү болуп тарыхта, саясий жана көркөм адабиятта жазылып келе жатпайбы. Балбай, менимче, Брут эмес. Эгерде чын эле Брут болсо, «Балбай баатыр» деген атакка, эмне кылбайлы, акыры татыксыз болуп калат.
Асанбек АКМАТАЛИЕВ
ЖАНТАЙ ХАН
Жантай Карабек уулу (Жантай хан) 1794-жылы Кемин районундагы Бейшеке айылында кадимки атактуу Атаке баатырдын улуу уулу Карабектин үй-бүлөсүндө туулг ан. Атасы Карабек Атаке баатыр өлгөндөн кийин анын ордуна эл башкарып калган. Бирок Карабек улуу жүз казактары менен жылкы чабышып, Иле суунун өрөөнүн талашкан согушта курман болуп, дүйнөдөн эрте кайткан. Карабек өлгөндөн кийин анын ордуна ким элди башкарып калары чечилбей калган. Карабектин иниси Таштанбек ал мезгилде тынай элине бий болуп жүргөн, анткени анын атасынын бир тууганы Сатыбалдынын уулу Жообасар аны багып чоңойткон. Ошондуктан ал ошол Сатыбалды же ал учурда айткандай тынай элин башкарып калган. Таштанбек өтө баатыр, кызуу кандуу болгондуктан, эл ичинде кадыр-баркы тез өскөн. Эл бир чети сыйлагандан, бир чети коркконунан Таштанбекке кыңк этпестен баш ийишкен. Таштанбек өтө каардуу, өтө акылдуу жана амалдуу киши болгон.
Таштанбек агасы Карабек өлгөндөн кийин анын үй-бүлөсүнө, эл жерине тез-тез барып, жаш калган инилерине жардам берип турган. Карабектен Жантай, Телтай, Молтой жана Маркозу деген төрт бала калган. Жаштыгына карабай тың өсүп келе жаткан Карабектин улуу уулу Жантайды агасы Таштанбек жогору баалап, ыгы келгенде элди башкарууга дайындоону ойлоп жүргөн. Жантай болсо, атасы өлгөндөн кийин, ал башкарган элдин чиелүү маселелерине киришип, талаш-тартыш чыр-чатактарын жөнгө салып турган.
Карабектин ашын ал киши өлгөнүнө бир жыл толгондо берип, ашты иниси, тынай элинин бийи Таштанбек башкарган. Карабектин ашына бүткүл оң-сол кыргызды, Кокон хандыгын башкарган мыктыларды, казактын жүзүнүн бардык кадырлуу султандары чакырылган. Ашка эл толук келип, аш башталардын астында Таштанбек келген кыргыз уруу башчыларына, Кокондон, Казактан келген меймандардын катышуусу менен, аш арналып бериле турган Карабек бүткүл он уруу кыргызды башкарган Атаке баатырдын ордуна эл бийлеп турганда дүйнөдөн эрте кайтып, азыр ошол бийлик орду бош турганын айтып, мына ушул бийликти аткаруу үчүн Карабектин улуу уулу Жантайды хан көтөрүп коюуну өтүнгөн. Ашка келген эл башкаруучулар жана калың эл бул сунушту туура көрүп, бир добуштан макул болушкан. Ошондо Таштанбек мурунку салтка жараша, аш астында ак боз бээ сойдуруп жиберип, Жантайды ак кийизге салдырып көтөртүп: «Жантай хан, Жан тай хан! Жантай хан…» – деп элге угуза айттырып, Жантайды хан көтөрүп коюшкан. Ак боз үйдүн түндүгү нөн чыгара түпөк (туу) көтөрүп, ошол жерден ырчыларга жар чакыртып, ханга даярдалган таажыны кийгизип, кызыл кымкап жаап, калың элдин көзүнө хан көтөрүүгө тиешелүү бардык жөрөлгөлөр жасалган. Аштан тараган калың эл Карабектин Жантайы хан көтөрүлдү дешип, уудуу болуп үйлөрүнө кайтышкан. Ошондон тартып, Жантай эки тизгин, бир чылбырды колуна алып, эң мыкты хан болуп чыга кел ген.
Жантай Карабек уулу Ормон Ниязбек уулунан бир нече жыл мурун хан болуп көтөрүлгөн. Ошондо ашка катышкан Ормон кандайча хандыкты колуна алып, ханга тиешелүү «Кызыл тебетейди» кийип калууну ойлонуп калган жана бул оюн 1840-жылы иш жүзүнө ашырган. Ормон хан көтөрүлгөндө, анын сунушу боюнча Жантай Чоң кеңешчи, жоого каршы күрөштү Төрөгелди башкармак болгон.
Жантай ханга караштуу сарбагыш уруусу Чоң жана Кичи-Кеминди, Чүйдүн башы Боомдон Ысык-Атага чейинки жерди ээлеп турушкан.
Чүй өрөөнүнүн батыш тарабында жайгашкан Жангарач Эшкожо уулу башкарган солто уруусу, Жантай Карабек уулу башкарган сарбагыш эли ошол мезгилде Улуу жүз жана Кичүү жүз казактары менен жакшы мамиледе жашап, орто жүз казакта ры менен жоолашып турушкан.
Жантай хан орус падышалыгынын Сибирдеги аскер бийликтери менен тымызын келишим түзүүгө да аракет жасаган. 1847-жылы Жантай Карабек уулу Ормон хан менен бирдикте орус бийликтерине казак сул таны Кенесары Касымовдун кыргызга каршы жортуулун майтаруу үчүн жардам сурап кайрылышкан, бирок так жооп ала алышкан эмес.
Кенесары Касымов (1802–1847) казактын орто жүзүнөн чыккан султан 1837–1847-жылдары чоң атасы Абылай хандын бийлигин кайра калыбына келтирүү максатында Орто жүз хандыгын түзүүгө аракеттенген. Ал бүткүл казак, анын ичинде Россиянын букаралыгына өтүп кеткен казактарга элчи жиберип, батыштан чыгып келе жаткан орустарга карш ы биргелешип урушалы деп айттырган. «Эдил – жайыкты кечип, Оролду өтүп, Эртиштен чыга Илеге жакындап калды. Аркадагы Алатаң, Иле, Чубойларуна тезинен ат кояды… Биргелешип, жоога каршы күтүнөлү…» – деп айттырган Кенеса ры. (Б.Солтоноев I китеп. 203-бет.)
Кенесарынын чакырыгын Улуу жүздүн казактары, ошондой эле Россиянын букаралыгына кирип кеткен казактар колдомок турсун, Кенесарыга каршы уруш жарыялашкан. 1845-жылы Кенесары Касымов Сарыаркада Улуу жүз ка зактары менен болгон салгылашууда жеңилип, Жети-Сууга келген. Ошол эле жылы күзүндө Кенесары Жантай хан жана Жангарач башкарган түндүк кыргыздардан зекет төлөөнү жана өзүн хан көтөрүүнү талап кылган. Кыргыздардын манаптары жана эли чогулуп сүйлөшүп, хандык Ормонго таандык экендигин билдиришип, кыргыздар Аблай хандан жакшылык көрбөгөн, анын баласы Кенесарыдан жакшылык көрмөк белек деп, элчини конок кылып, жооп айтпай аткарып жиберишкен. Ошол мезгилде Калыгутуда олтурган Кенесарынын тогуз байталын Солтонун Бөлөкбайынын төкөлдөш уругунан Илип деген киши уурдап алганын шылтоолоп, кыргызды басып кирген. Казактар азыркы Бишкектин түндүк жагындагы Мазарлуу Карасуунун күн чыгыш жээ гинде олтурган тынай эли болгон Калпактын айылын талкалаган. Калпак, анын иниси Мамбет жана башка 28 эр бүлө окко учкан. Казактар жаш балдарды өлтүрүп, боюнда бар аялдардын ичин жарып, баласын мууздап, керегенин башына илип, сулуу кыз-келинди олжого алабыз деп, өзүнчө бөлгөн. Калпактын бир инисин маз актап өлтүргөн. (Б.Солтоноев «Кызыл Кыргыз тарыхы». 205-бет).
Мындан эки жыл өткөндөн кийин 1847-жылы апрелде Кенесарынын он миңден ашуун атчандардан турган аскерлери Сары өзөн Чүйгө кол салып кирген. Чүйдүн батышында турушкан Солто эли Чүйдүн башына көчүп, Чүйдүн башындагы сарбагыштардын жоого жарактуу жигиттери Жантайдын жетекчилиги менен Солтонун Жангарач башында турган жоого жарактуу жигиттерине келип кошулуп, казактарга каршы чабышып киришкен. Кыргыздын ханы деп эсептелген Ормон үч күн кечигип келип кошулган. Бул согушта казак аскери жеңилип, Кенесары хан, анын иниси жана орун басары Ноорузбай колго түшүрүлүп өлтүрүлгөн.
Бул согушту уюштурууда жана башкарууда Жантай хан негизги ролду ойногон. Казак ханы Кенесарынын жеңилиши жөнүндө Жантай хан Батыш Сибирь генералгубернатору П.Д.Горчаковго Россиянын карамагына алышын билдирген катында төмөнкүдөй жазган: «Казак ханы Кенесарынын жеңилишине мен көп эмгек жумшадым. Алардын биринчи келишинде мен аларды кырдым, жети миң адамы өлдү. Ошондой эле мен тараптан да көп адам каза тапкан. Анын экинчи жолку келишинде мен аларды үч күн эч жакка жылдырбай, курчоодо кармап турдум. Андан кийин бизге Ормон баатыр келип, Кенесары баш болгон казак аскери кайра качышты. Алардын артынан кууп жетип, алардын кошунунан көп адамдарды жок кылдык. Мага таандык кыргыздардан менин үч бир тууганым Кенесарыны колго түшүрүп, бизге алып келди. Ошондо Кенесары өзүн куткаруу үчүн биз ге алтымыш төөгө жүктөлгөн ар түрдүү дүйнө, каалаган сандагы акчаны берейин деди. Бирок биз бардык элдин кызыкчылыгы жана тынччылыгы үчүн, соода каравандарынын коркунучсуз жүрүп турушу үчүн анын сунушуна макул болгон жокпуз. Соодагерлердин келип-кетип тургандыгына көзүбүз жеткендиктен калпычы, бузуку Кенесарынын өлтүрүлгөндүгү үчүн Россияга окшогон улуу мамлекет бизди сыйлай тургандыгына ишендик. Мен өзүмдүн тууганым Кожобекке Кенесарыга менин жүзүмдү көрсөтпөй, көрүшүүгө уруксат бербей, башын кесип коюуну буюрдум… Мен сиздин өкмөттү (Россия өкмөтүн) ишендирүү үчүн Кенесарынын башын сизге жибердим…» (10-сентябрь 1848-жыл. (Кыргызстан – Россия (ХVII–ХIХ вв.) 1998-ж. 33-бет.)
Жазылган катта көрүнүп тургандай экинчи согушта Ормон хандын аскерин көргөндө эле казак аскери качып, Ормондун аскери согушка жана качкан казак аскерин кубалоого катышкан да эмес. Ормон хан өзү колго түшкөн казак ханы Кенесарынын мындан аркы тагдырына да кызыкпастан, өз аскерин алып тез эле кетип калган. Ал эми согуштун аягын жыйынтыктап, ка зак ханы Кенесары, анын иниси жана орун басары Норузбайдын тагдырын Жантай хан чечкен.
Жантай хан өз элин жалаң эле казак баскынчыларынан коргобостон, ошол мезгилде Кок он хандыгын басып алган кыпчактардан да сактап, элинин чарбалык турмушунун тынччылыкта ийгиликтүү жүрүшү үчүн кам көргөн: «Андан кийин (казактардан кийин – А. К.) кыпчактар чоң аскери менен бизди чаап алууга келишти. Мен Ормон баатыр менен биригип, жалпы эле кыргыз чогулуп, аларга каршы урушууга чыгып, алардын чабуулун курал-жарак менен майтардык. Алар эч кандай жеңишке жетпей кайра кетишти. Күзүндө алар бардык тарабынан чоң аскер чогултуп, биринчи салгылашууда өлгөн кишилери үчүн өч алуу максатында бизге кол салууга даярданышкан. Андан кийин алар дагы кол чогултуп, өздөрүнүн жеринин чегинен чыгып, Бухар жактан душман келе жатат деп угуп, алар Кокон жак ка кетишкен. Бирок биздин бул абал жөнүндө толук маалыматыбыз жок. Жалпысынан айтканда, биз коркуп жатабыз, анткени биздин элдин айдоосу алардын (кыпчактардын) чегине жакын жайгашкан. Эгерде душман бул жерге келсе, биздин элибиз дээрлик эгинсиз калат. Ошондуктан мен бул жердеги чепте турушкан кыпчактар менен дос абалда болумуш болуп, ар кандай шылтоолорду айтып, кээде аларга аз сандагы койлорду берип, алдап кармап турамын» – деп жазган Жантай хан ошол эле Батыш Сибирь генерал-губернатору П.Д.Горчаковго жазган катында. Кенесары башында турган казак аскерлеринин кыргыздардан жеңилиши жана Кенесарынын өлтүрүлүшү Россиянын башкаруучу чөйрөлөрү жана Батыш Сибирь өзгөчө Корпусунун начальниги П.Д.Горчаков үчүн да эң чоң жеңиштүү окуя болгон. Анткени хан Кенесары Касымов өз аскерлери менен орус аскерлерин Сибирге, Казакстанга жана Орто Азияга коркунучсуз, ийг иликтүү алга жылышына чоң тоскоолдук кылган. Бул жерде окурмандарга төмөнкү документти сунуш кылуу орундуу.
Өзгөчө Сибирь корпусунун командири П.Д.Горчаковдун Сибирь казактарынын чек ара башкаруу бөлүмүнүн начальниги генерал-майор Вишневскийге сарбагыш уруусунун манабы Жантай Карабековдун жана улуу жүздүн султа ны Рустем Абулфеизовдун Омскиге келишине жардам берүү жөнүндөгү каты.
Ушул жылдын 23-декабрындагы Улуу урматтуу сиздин рапортуңуздан кийин жапайы таштык (дико каменный – А.К.) кыргыздардын манабы Жантай Карабековго, Улуу ордонун султаны Рустем Абулфеизовго, алардын балдары менен Супатай бийге жана Галим Якупов аттуу татарга Омскиге келүүсүнө жана кайра кетүүсүнө алты атка эсептелген атайын бланкадагы жолдук билетти берүүнү, аларды коштоп жүрүү жана жолдо келе жатканда бардык закондуу жардамдарды көрсөтүүнү сунуш кыламын. Старшина Нюхалов, сизден Аягуз отрядынан ишенимдүү жана кыргыз тилин билген бир урядникти кошуп беришиңизди сураймын.
Инфентариянын Корпустук ге нералы П.Д.Горчаков. 26-декабрь 1847-жыл. (Кыргызстан – Россия (ХVIII– ХIХ вв) 127-бет.)
Бирок генерал П.Д.Горчаковдун бул каты Жантай Карабековго өтө кечигип келип, Жантай да, Султан Рустем Абулфеизов жана Супатай бий да Омскиге барбай калышкан. Буга казактар ме нен кыргыздардын ортосундагы өз ара чатак, чабышуу жана кыпчактардын басып кириши тоскоолдук кылган. Кийинки 1848-жылы Жантай Карабеков Өзгөчө Сибирь корпусунун генералы П.Д.Горчаковдун жогорудагы чакыруусу боюнча кичүү иниси Калыгулду (Кубат уулу Калыгул же Кара жаак Калыгул – ага-инилеринин балда ры) жиберген. Калыгул аркылуу генерал П.Д.Горчаков сыйлык катары Жантай Карабек уулуна алтын медаль жана башка баалуу сыйлыктардан жиберген. Бул сыйлыктарга Жантай хан Кенесары башында турган казак аскерлерин жеңгендиги жана Коконду башкарып жаткан кыпчактар баатырдык менен согушкандыгы үчүн берилгенин айткан.
Кубаттын уулу Калыгул да мындан мурун, жолдогу эң чоң коркунучка карабай, кылдат жашыруундук менен казак ханы Кенесары Касымовдун башын Омскидеги генерал-губер наторго алпарганы үчүн алтын медаль жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
Ормон хан жана Жантай ба шында турган кыргыздар Кенесарыга баш ийген каз ак баскынчыларын жеңип, орус өкмөтүнүн жогорку кадырлоосуна татыктуу болуп турган кезде Чүйдөгү Жантай ханга казактын чапырашты Байтели, Кооман жана Дөөлөт уругунун башчылары (кээ бир булактарда Карасай баатыр жана Чалтабай чечен) келишип, биздин бабабыз Жапек илгери Атаке баатыр менен дос болгон экен. Бабабыз Жапек баатыр казак Барак баатырдын кол алдында кыргызга каршы согушуп дүй нөдөн кайтканда, Атак е баатыр күнөөсүн кечирип, Жапектин сөөгүн кара буурага кара килем жаап, өзүбүзгө жеткирип бер ген. Биздин элибиз, Чыгыштан Улуу жүз казактары албан, дуулаттарга, орто жүздүк Кенесарынын согуштук кошунуна кирбей койгондуктан – жалпы казактар Иле жээгинен, Олуя-Ата, Чимкенттен жер бербей, элибизди тез-тез чаап, малыбызды тартып алып, тынч жа шоого мүмкүндүк бербей койду. Биз мындан ары кыргыздын эли – «кичүү тынай» бололу. Бизге казак менен чектеш Карабулактан тартып, Мыкандын Карасуус уна чейинки Чүйдүн оң тарабына ке лип жашоого уруксат сурап келдик деген экен. Жантай хан, Ормон хан жана солтонун манабы Жангарач менен сүйлөшүп, Ормондун эли ошол мезгилде Иле өрөөнүндө жашап жаткандыгын эске алышып, Казактын Байтели, Кооман жана Дөөлөт уруулары сураган жерин берген экен. Дагы бир жагы Жантай ханга караган элдин саны канчалык көп болсо, анын кадыры ошончо бийиктеген. Анын үстүнө чапрашты казактарына бул жерди берүү ме нен жалпы улуу жүз жана орто жүз казакта ры менен тынчтыкта жашоого аракет кылган. Байтели, Кооман жана Дөөлөт уруулары Жантай ханга жер сурап келгенде илгерки салт боюнча куру келбей, кырк байтал, бир айгыр тартуу алып келишкен. Кийинчерээк казактар Чүй дүн оң өйүзүнө келип олтургандан кийин Жантайдын душмандары жана аны көрө албагандар Жантай хан Карабулактан Мыкандын Карасуусуна чейинки Чүйдүн оң жээгин казактарга «Кырк байталга сатып жиберг ен» деген жалаа-күнөө таратышкан.
Жантай хан көтөрүлүп, эл башкара баштагандан тартып, элди өзүнө күч менен баш ийдирүү өтө кыйын экендигин сезип, анын үстүнө ал жашаган мезгилде ар бир кыргыз уруулары өз алдынча жашоого умтулганын эсепке алып кыргыз уруу башчыларын байыркы Рим, грек, түрк эл башкаруучулары сыяктуу белгилүү уруу башчылары менен куда болуу аркылуу ал урууга өзүнүн таасирин күчөтүүгө аракет кылган. Мисалы, уулу Шабданга, анын макул эместигине карабай солто уруусунун башчысы Жангарачтын Бактыгүл деген кызын алып берген. Баласы Шабдандын каршылыгына ал: «Арам, ит! Сага мен катын эмес, эл-журт, кол алып берейин деп жатам» – деп айткан. Ошол эле Шабданга экинчи аялдыкка таластык саруу уруусунан, айтылуу Атаке баатырдын үзөңгү жолдошу Бердике баатырдын небереси, Качыке бийдин Шааке деген кызын алып берген. Өзү дагы жумгалдык Курманкожо жана ак-талаалык Чоро саяктарынын кыздарына үйлөнгөн.
Бугу менен сарбагыш урууларынын урушу учурунда Жантай хан бугу менен сарбагышты элдештирүүгө аракет кылган.
1850-жылдардын акырында орус бийликтери менен ымала түзүп, 1859-жылы Россия согуш министрлигинин Генералдык штабынын штабс-капитаны М.И. Венюковго Чүй өрөөнүнүн жана Ысык-Көлдүн батышынын согуштук максатта пайдаланууга арналган стратегиялык карта-схемасын түзүү үчүн чалгындоо саякатына жардам берген. Ушул жылы Чүйдүн ары жагындагы бөлүктүн начальниги полковник М.Г.Черняев улуу ордонун казактар ы барымтага айдап кеткен Жант ай башкарган сарбагыш элинин көп сандагы малын кайтарып алып берген.
«Чүй боорундагы кыргыз урууларын Россиянын курамына киргизүү маселесине 1860-жылдардын башында Падыша өкмөтү чечкиндүү киришкен. Ал үчүн орус аскерлери Чүй өрөөнүндөгү кокондук чептерди ээлеш керек эле. Муну сезген Кокон ханы ак падышанын колу менен беттешүүгө камынып, Чүйгө сарбаздарын топтогон. Россия менен кокондуктар тирешип турган мезгилде, чүйлүк кыргыздар бейтарап абалда болушуп, көпчү лүгү тоо аралап жайлоого көчүп кетишкен.
Падыша аскери А.Э.Циммермандын кол башчылыгы астында 1860-жылы 23-августта Верныйдан чыгып, 26-августта Токмок чебин басып алып, аны 28-августта толук караткан. Чептен 100 сарбаз колго түшүрүлгөн. Ошол күнү ага казак-орус кошуну менен Г.А.Колпаковский кошулган. Эртеси Бишкекти көздөй бет алышат да, 31-августта бул чепти ээлешкен. Коргондун кыйла бөлүгү кыйрап, акыры Атабек датка, Алишер датка баштаган 627 сарбаз багынып берген.
Орус аскери менен Кокон хандыгынын кошундарынын ортосундагы беттешүү 1861-жылдын 20-октябрындагы Узунагач бекети жайгашкан Каракаштек өңүрүндө өткөн. Алымбек датка өз кошуну менен согушка кирбей койгон. Бул салгылашта орус аскерлери Кокондун кошундарын бир топ жоготууга учуратып, артка чегинүүгө мажбур кылган. Бул кармаштарда Жантайдын уулу Шабдан кыргыз жигиттерин баштап эрдик менен согушкан. Узунагачтагы салгылашуулардан кийин 1862-жылы сарбагыштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Карабеков Верныйга барып, Чүй өрөөнүндөгү кеминдик кыргыздар Россиянын курамына өтөрүн билдирет. Ушундан кийин Жантай жана анын уулу Шабдан орус бийлигине кызмат кылууга өтүшөт. Ормон хан өлгөн соң Жантай cарбагыш манаптарынын кадырлуу башчысы болуп калган. Ага 1867-жылы полковник чини ыйгарылган жана алтын медаль менен сыйланган.
Жантай Карабеков көп жылдар эл башкарып хан болуп, жалаң гана кыргыз жергесине белгилүү болбостон, батыштагы Кокон, түштүктөгү кытай-уйгур хандыгына, чыгыштагы калмак элине, түндүктөгү казак жана андан аркы орус элине белгилүү болгон. Жантай хандын эл арасындагы кадыр-баркы жана ишмердиги жөнүндөгү дагы бир маанилүү маалыматтарды окуп көрөлү.
Улуу жүз казагынын прис тавы М.М.Хомантовскийдин сарбагыш уруусунун манабы Жантай Карабековду бугулар менен тынчтыкта жашоого чакырган каты.
Мыкты кеңеш берүүчү, жолдошторун калкалаган, душманга эрдик көрсөткөн арстандыкындай колу, жолборстукундай жүрөгү бар улуу даражалуу манап Жантай Карабековго чың ден соолук, бакыт жана ачык асман каалап, көп-көп урмат тоомду жиберемин.
Улуу урматтуу манап! Мага Ормондун бугулар менен согушу жөнүндөгү кабарлар келип турат. Ормондун өлүмүнөн кийин (кудай өзү калыстык кылсын) менин оюм боюнча сен сарбагыш уруусунун башчысы болуп калдың. Ошондуктан сага кымбат оюмду айтуу үчүн кайрыламын. Сен биздин (Россиянын) инсаны болбогондуктан, мени угууга милдеттүү эмес экендигиңди билемин, бирок бардык убакта пайдалуу кеңешти угуп, ал жөнүндө жакшылап ойлоо жаман болбойт. Бугу лардын көп каны төгүлүп, көп кордуктарды көрдү. Бийлигиңердин күчү менен өз элиңердин колдоосуна таянып, ушул болбогон кан төгүүнү токтотууңарды сураймын. Менин сыйлоомду чындык жана жүрөгү менен түшүнгөн адам катары мен сага кеңеш менен кайрылам жана Кудай сени колдоп, сыйласын. Менин айтканым жөнүндө ойлон. 9-сентябрь 1855-жыл. Верный чеби. (Шабдан Баатыр. Эпоха и лич ность. 1999г. 35 стр. Кыргызстан – Россия (ХVII–ХIХ вв) 1998 г. 186-бет.) «Молдо Алымкул Амер Ул Мир Асан бий баласы жана парваначы Миңбай Асрар Али баласынан орустарга каршы ниеттенген Жантай Карабековго жазган каты. 1863-жыл».
Улуу даражалуу датка Жантай баатыр!
Сизге көп жүгүнүп сыйлаганыбызды билдирүүдөн кийин төмөнкү сөз: – Кудайга тобо! Баарыдан улук Кудайдын эрки менен уяттуу иш токтотулду жана бардык көчмөн элдер Кокон мамлекетинин алдында бир тилекте тынчыды, эл бир туугандык менен биригишти, куттуктоо менен келип биздин сыйыбызды көрбөгөн бир да киши жок. Бирок Улуу урматтуу Сиз, бизге киши жиберип, бир барак кагаз жазып койбогондугуңузга биз таң калабыз. Сиз укканда эле бир туугандык сезим менен таап келип, биз менен кошо Кудай жиберген бакытка жыргашыңыз керек эле. Эгерде көчүп-конгон жериңер алыс болуп, өзүңөр келе албасаңар, жок дегенде куттуктоо айтып, өзүңөрдүн балдарыңардан же бир туугандарыңардан жиберсеңер болмок.
Азыркы кезде Кудайга тобо, бизге тынчтык белектерин алып Кытай хандыгынын, Бухар падышасынын, ошондой эле Сирвандын, Каратегиндин, Шатар жана Сая баздын, Кытай уруусунун жана кыпчак уруусунун элчилери келип жатышат. Алардын ушундай чындап берилүүсүнөн каалап келгендиктерине биз жүрөгүбүз менен ыраазы болуудабыз. Бизге Исламдын арбагы (туусу) үчүн каргыш тийген орустарга каршы кылычыбызды көтөрүүдөн башка эч нерсе калган жок. Жаз чыкканда бардык аскерибиз жана артиллериябыз менен бизден бөлүнүп калган элдерди кайра кошуп алуу үчүн жолго чыгабыз. Сиз тигил жакка (орустарга каршы урушууга – А.К.) жолго чыгуу жөнүндөгү акылдашууга эртерээк келишиңиз керек. Турган жериңер алыс болуп, өзүңөр бул жакка келе албасаңар, өзүңүздүн балаңызды же бир тууганыңызды жибериңиз. Болуштукту жакын мурунку өзүнүн ордуна жылдырып, биз менен такай катарлашып тургула…
Калганын ооз жүзүндө жиберген киши айтып берет. Сиз ага ишенишиңиз керек. 1280-гиджара жылы».
Алымкул Молдо менен Миңбайдын печаты. (ЦРА. Республики Казахстан. ф./з. Оп.I. Д 167.) Л. 139–141 от.Перевод с подлинника.)
Алымкул Молдо же Алымкул аталык түштүк кыргыздардын феодал төбөлдөрүнүн жана саясий ишмерлеринин бири болгон. Кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан. Кезегинде ал Алымбек даткага кошулуп, Кудаяр хандын ордуна такка Мулла ханды көтөрткөн. Бирок 1862-жылы февралда Мулла хан өлтүрүлүп, тактыга Шаа-Мурат олтурган. Ал эми Алымкул аталык хандыктын башкы вазири болуп дайындалган. 1863-жылы жазында Алымкул аталык төңкөрүш уюштуруп, тактыга Мулла хандын он эки жашар уулу Сейит Султанды олтургузат да иш жүзүндө хандыкты өзү башкарып турган (1862–1865-ж.ж).
Жантай хан Кокон хандыгынын саясий жактан туруксуздугун, экономикасынын начардыгынан, токтобогон хан сарайындагы төңкөрүштөрдөн бул хандыктын келечеги жок экендигин түшүнгөн. Ошондуктан орустардын букаралыгына өтүүнү чечкен. 1863-жылы Жантай хан Алымкул датка менен Кокон ханы Сейит Султандын жана андан мурунку Кокон бийлик ээлеринин өзүнө жазган каттарына жооп бербей, Россия падышасынын өкүлү, мурунку Алатав, 1867–1882-жылдары Жети-Суу областынын согуш губернатору Г.А.Колпаковскийге өткөрүп берген.
Жантай хандын кадыр-баркы Түндүк Кыргызстанда жашаган кыргыздардын арасында эң жогорку чекке жетип, анын аты-жөнү эл арасында өтө жылуу маанайда айтылып калган. Анткени Жантай хан өзүнөн мурун өткөн жана өзүнө замандаш уруу башчыларынан айырмаланып, бардык элге жылуу мамиле кылган. Түндүк Кыргызстанда жашаган уруулар ар жыл сайын эки жолу топко (чыр-чатак чечилүүчү чогулушка) чогулушкан. Бул топко мурун уруу башчылары жана топко тиешеси бар адамдар убагында келип, көпчүлүк учурда чогулуш уруш-чатак менен тараса, Жантай хан уруу башчыларын жана ага тиешелүү адамдарды топко бир нече күн мурун чакырткан. Кадырлуу адамдар үчүн атайын үй тиктирген. Келген меймандар үчүн бээ союлуп, кымыз, бозо, кээде Кытайдан же Россиядан алдырылган шараптар берилген. Конокторду жогорку дең гээлде тосуу өзүнчө өнөкөткө айланган, ага күн мурунтан кишилер дайындалып, керектүү бардык тамак-аш буюм-тайым дар даярдалган.
Белгилүү мыкты ырчылар чакырылган. Чыр-чатакка катышуучулар топко чейин өз ара сүйлөшүп алууга мүмкүндүк түзүлгөн. Жантайдын атайын сыйын көргөн уруу баш чылары жана топко тиешеси бар кишилер көпчүлүк учурда маселени жакшы маанайда талкуулап, чечүүчү сөздү Жантай ханга беришкен.
Уруу башчылары өз ара кеңешип, элдин жактыруусу менен жазалоонун да чегин белгилеп, бекитип коюшкан. Жазалоонун чеги боюнча эр өлтүргөнгө 300 жылкы, бирөөнүн никелүү аялын алып качып кетсе 200 жылкы, ууру кылгандарга үч тогуз айып кесилчү экен. Ошондой эле топко эл башкаруу нун тартиби, элди жер-жерлерге жайгаштырып, кыштоо, жайлоо, жайыт берүү, эгин айдоочу жерлерди бөлүштүрүп берүү ж.б. маселелер каралган. Жантай хан элдин сөзсүз түрдө мал багып, эгин айдашына шарт түзгөнгө аракет кылган. Айдалган эгинди сугаруу үчүн алыштарды чаптырган. Мисалы, азыркы Боролдой кыштагынын түндүгүнөн Бейшеке айылына кетүүчү алышты өзү чаптырып, Бейшеке жана Карабулак талааларына буудай, арпа, сулуу, таруу айдаган. Бул алыш азыр да пайдаланылып, Жантай алыш деп аталат. Хан Жантай жашаган заманда Кыргызстанда дыйканчылык начар өнүккөндүктөн, көпчүлүк учурда эгиндин тукуму жетишсиз болгон. Бул жетпеген эгиндин тукумун, дегеле элге керектүү буюмдарды, атка, төөгө арттырып, Кашкардан, Турпандан, Кокондон, Анжияндан, кийинчерээк Сибирден, Омскиден келген орус көпөстөрүнөн алып турган. Эгиндин тукумун жана баш ка буюмдарды өзү үчүн гана эмес, өзүнө караштуу эли үчүн да алдырып келген.
«Куланбай менен Сапарбайды, эки бир тууганды, хан Жантай Кытайга соода элчиси кылып, ошол жерге көчүрүп барып койгон экен. Алар жыл маалында эки жолу – жазында ашуу ачылганда бир, күзүндө ашуу жабыла электе бир төө ме нен кербен (караван) жиберип, күрүч, ун, Кашкардын каптал (таш) чайы, чымыян (матанын бир түрү), кездеме, булгаары, Кашкардын кызыл чепкени, арак-шарап, өрүк-мейиз, самын, дагы ушуга окшогон дүрдүйнө мүлктөрдү, алтын, күмүш, жамбыларды жөнөтүп туруучу экен. Ал жакка мал айдатып, төөлөргө тери-терсек, жүн жүктөтүп жөнөтчү экен Жантай. Алар турган жердин аты ошентип: «Кулансары-Сапарбай» атыгып калыптыр. (Бул жер Какшаалдын ары тарабында – А.К).
Жантай хан Омскиге аң терилерин, жүн жөнөтүп, ал жактан соку кант, кездеме, булгаары, шарап жана башка керектүүлөрүн алып турган. Самоорду да ошол жактан алып келтирген». (А.Токтомушев. «Ак Мөөр», 1971-жыл, 231, 244-бет).
Жантай хан башкарган Атаке-сарбагыш элине сарбагыштардан тышкары – өзүк, чечей, чагалдак, молой, азык, кытай, мундуз, абыла, суу мурун, келдике, баарын ж.б. элдер кирген. Кийин Ормон хандын бийлигинен качып, Атаке-сарбагышка чоң чарык, таздар, дөөл өстүн Жантайынан тараган – мендеке, кубат, белек жана токтооку эли кошулган.
Жантай хан кадимкидей эле 40 жигит күткөн. Саза, Баян, Келдике деген кеңешчи – кол башчылары болгон. Ар бир уруу башчысы шайланып, Аюке уруусун – Майтык, жедигер уруусун – Каракезек, Чагалдак уруусун – Темир ажы, чертике уруусун – Надырбек, адигине уруус ун – Сатыбек башкарып, жалпы жонунан Жантайга баш ийишкен.
Жантай хан патриархалдык-феодалдык доордо жашагандыктан, ошол замандын талабына жараша өмүр сүргөн. Ал заманда хандын карамагындагы элинин саны, өзүнүн бала-бакырасынын саны канчалык көп болсо, ал кишинин кадыр-баркы эл арасында ошончолук жогору, өзүн да алдуу-күчтүү сезип, сырткы жана ички душмандар менен ишенимдүү күрөшө алган. Жантай хан алты аял алып, алардан 12 бала, 3 кыздуу болгон. Балдарынан эң мыкты чыкканы, элге кеңири белгилүүсү Шабдан баатыр болгон. Бирок Жантай хандын душмандары жана аны көрө албагандар эң кийинки аялы Мөөрканды жаш алгандыгын себеп кылып, Жантайды зордукчу, зулум, канкор ж.б. кылып көрсөтүшүп, чыны болгон ишти бурмалашкан. Бул окуя өзгөчө советтик доордо эң жогорку даражага жеткен. Болгон окуяга калыстык менен өз оюн айткан, бугу элинин кулуну Жеңиш Магзумовдун 1995-жылдын 8-апрелинде «Эркин тоо» газетасына орус тилинде жарыяланган «Ак-Мөөр же бир тарыхый ката жөнүндө» деген макаласын кыргыз тилинде бир аз кыскартылган вариантын окурмандарга тартуулоо эң туура болчудай. «Жакында басма сөз бетинде Жаңыл Абдылдабекованын «Ак Мөөр» адабий-драмалык чыгармасында тарыхый чындык бурмалангандыгы жөнүндөгү статьясы жарык көргөн. Айтылган маселени ар кандай көз карашта карап көрөлү. Биринчи иретте «Ак-Мөөр» адабий чыгарма катары толук жашоого укуктуу, анткени биздин ата-бабаларыбыздын тарыхында мындай окуялардын болгондугу чынд ык. Ошондуктан биз «Ак Мөөрдү» адабий көз карашта көрүнүктүү киноартисттер М.Рыскулов, Т.Турсунбаева, С.Жумадыловдун ж.б. катышуусу менен экрандаштыргандан кийин драмалык чыгарма эң мыкты пьесалардын катарында коюлушуна макул болгонбуз. «Ак Мөөр» өзүнүн драмалык курчтугу боюнча дүйнөлүк драмалык классикалык чыгармалардын катарында турат.
Бирок «Ак Мөөр» конкреттүү тарыхый инсандарды сүрөттөгөндүктөн, тарыхый чындыкты даана сүрөттөөдө эч кандай сын көз менен кароого туруштук бере албайт. Жантай Ак Мөөргө үйлөнгөндө, ал 52–65 жашта (53 – А.К) эле экен. Он алты жаштагы (он төрт – А. К.) киши колу тие элек жаш кыз караңгы түн түшкөндөй боздоп ыйлагандай Жантай мөгдүрөгөн чал эмес, алы-күчү толуп турган кези болгон. Чындыкты түшүнүү үчүн чыгыш элдеринин, анын ичинде XIX кылымдагы кыргыздардын менталитетин жакшы билүү керек. Жан тай ал мезгилде Ак Мөөр эмес, андан бир нече жогору турган ак сөөк, даражасы бийик адамдардын ошол жаштагы кыздарына үйлөнүшүнө мүмкүндүгү болгон. Ушуга байланыштуу Ак Мөөр Соңкөлдө сууга түшүп жатканда, Жантайга жарк деп эң сулуу көрүнүп, ал жөнүндө ооздон-оозго көчкөн легенда таралып кеткендигин илимий жактан тактоо керек. Ак Мөөрдүн, балким, атайылап жасаган «байкабастыгы» чындыгында бардык кыздардын эле так психологиялык таасир берүүчү «кылыгы» болгон, анткени анын бардык теңтуштары да каныша болууну көксөшкөн. Кыргыздын бардык эле жакшы жомоктору кыз ханга «байкабаган» кылыгы менен жагып, каныша болуп калганы менен бүтөт.
Ошол доордун бардык жакшы тарбияда чоңойгон кыздары, Болотко барып өмүр бою күң болгуча, ханга турмушка чыгып, келтире жасалгаланган ак өргөөдө жашоону тандап алмак. Ошондуктан Ак Мөөрдүн салтанаттуу маанайда Жантай ханга турмушка чыгып, Соңкөлдөн Кеминге эркин саякат кылып келиши, анын кыз болуп төрөлгөн өмүрүнүн эң бийик, өтө кооз гүлдөгөн мезгили болгон…
Жантай хандын өз мезгилинде эл үчүн жасаган, эң жакшы жана акылман көп иштери бар. Биз өзүбүздүн тарыхыбызды маңкуртизмдин күзгүсү менен карап, Жантайдын так өзү жөнүндө айтпай, башка Жантай жөнүндө айтканбыз, ал түгүл Жантай жөнүндөгү темага кайрылуудан коркчубуз, анткени бул темага кайрылгандарды НКВД жана КГБга чакыруу менен иш бүтчү. Ошондуктан биз «жогорудан» бекитилген «Ак Мөөр» фильм-спектаклин көзүбүзгө жаш алып көрүүгө аргасыз болуучубуз. «Ак Мөөр» фильмин көрүп олтурганда, маңкурт өз энесин жана өзүнүн ата-бабасынын тарыхын эч ойлобой, колу калтырабай атып жаткандыгын көрүп, зээнибиз кейип, көзүбүзгө жаш алчубуз.
Эч убакта айтылбай калгандан көрө, кеч болсо да айтылганы жакшы. Биз Жантайдын ким экендигин толук ачык көрсөтүп, ага таазим кылышыбыз керек. Мен өзүм Жантайга өтө ыраазымын, анткени ал Ормондун (менин уругум) бугу элин негизсиз басып алууга умтулуп, тууган элди кырылыштырган согушуна жок шылтоолорду айтып, катышпай койгон. Эгерде Жантай сарбагыш-бугу согушуна катышса, бабабыз Кылжырдын тукумдары бири-бирин акыркы адамына чейин кырышмак экен, балким, анда мен да туулбай калмакмын.
Жантай менен Ак Мөөр жөнүндөгү тарыхый фактыны ким толук изилдөөнү мойнуна алат? «Ак-Мөөр» киноспектаклинин мазмуну ката экендигин далилдеп, бул пьесаны жазып, койгондорго сот аркылуу, алардын чоң ата-чоң энесинин кадыр-баркын шылдың кылгандыгы үчүн күнөө коюучу Ак Мөөрдүн небере-чөбүрөлөрүнүн ичинен жарактуу эркеги бар болду бекен? Эгерде мындай эркек жок болсо, анда Жаңыл Абдылдабекова өзү айтылуу Жаңыл мырзанын жоого кийген кийимин кийип, колуна «Найза-авторучка» алып, чоң атасы Жант айдын, чоң энеси Ак Мөөрдүн чыныгы кадыр-баркын ордуна келтириши керек. Ошондой эле анын чоң ата, чоң энесинин арбагын кордогон пьеса-спектаклди койгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинен акча кестирип алып, бул акчага Кеминге чоң атасы Жантайга, чоң энеси Ак Мөөргө арналган архитектуралык ансамбль тибиндеги эстелик тургузуп койсо же Жантай хан жана каныша Ак Мөөрдүн чыныгы өздөрүнүн турмушун чагылдырган тарыхый адабий чыгарма жа зып койсо болмок».
Жеңиш Магзимовдун макаласынан:
– Ак Мөөрдүн небере-чөбүрөлөрүнүн ичинен жарактуу эркеги бар болду бекен? деген суроосуна «азырынча жок, балким, болочокто чыгышы мүмкүн» деген жоопту айтса бо лот. Баарыга белгилүү Россиядагы Октябрь революциясынын жеңиши Жантай хандын неберелеринин тагдырларынын эң катуу жабыр тартышына алып келген. 1925-жылдын орто ченинде Жантай хандын эң тың неберелери – Шабдан баатырдын балдары – Мөкүш, Самүдүн, Кемел ж.б. – Уралга сүргүнгө айдалган. Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин жана Эл Комиссарлар Советинин 1930-жылкы биргелешкен Кыргыз айылдарындагы коллективдештирүүнү тездетүү жөнүндөгү токтомунун негизинде Жантайдын балдары Ысабек, Ысак, Ыйманаалынын ж.б. балдарын кыргыздын эң ири манабынын балдары катары коллективдештирүүгө каршы элди үгүттөп жатат. Булар кулактар делип, Украинанын Херсон областына сүргүнгө айдалып жиберилген.
Мөкүштүн уулу Шабданов Ажыйман Бишкектеги орус тили мектебин бүткөндөн кийин Алматыдагы билим институтун (институт образования) бүтүргөн. 1928-жылдан баштап, маданият жана илим институттарында илим изилдөө иштеринде иштеген. Грамматика, орфография, терминология боюнча окуу китептеринин жана бир нече илимий эмгектердин, макалалардын автору болгон. 1929-жылы Сатыбалды Нааматов менен бирдикте «Сабатсыз аялдар үчүн алиппе», 1930-жылы М.Элебаев жана Ж.Жамгырчиев менен авторлош болуп, «Үчүнчү класстар үчүн окуу китеби» деген китептерди чыгарган. Анын 1931-жылы чыккан «Биздин тил» деген китеби кеңири колдонулган.
1939-жылы Шабданов Ажыйман Кыргызстанды Түркия мамлекетине кошулушуна аракет кылган деген болбогон жалаа менен эл душманы катары атылып кеткен.
Ал эми Кемелдин уулу Шабданов Ажыгабыл да социал-туран партиясына тиешелүү иштерди аткарган деген кур шылтоо менен 25 жылга кесилип, бул мөөнөттү толук олтуруп, оор шарттан оорукчал болуп, киши эле сөлөкөтү калып, көп жашабай дүйнөдөн кайткан. Баарыдан өкүнүчтүүсү Ажыгабыл өз учурунда үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгонго жетишпей калган. Ажыгабыл да Алматыда, андан кийин Ташкентте окуп, жогорку билим алган. Өз учурунун билимдүү адамдарынан болгон.
Ошол мезгилде Кыргызстанды башкарып турган Коммунисттик партиянын өкүлдөрү, партиянын үгүт-саясатын жүргүзгөн массалык-маалымат каражаттары Жантайдын небере-чөбүрөлөрүн элдин эң коркунучтуу, мыкаачы душмандары катары көрсөткөн. Алар үчүн билим берүүчү мектептердин, орто жана жогорку окуу жайларынын эшиги түбөлүк жабылып, эл башкаруу эмес жөнөкөй эл арасында тынчтыкта жашай албай ка лышкан.
Кечээ алардын кызматын кылган малайлары аларды баш кесер, кан ичер зулумдун тукумдары деп, сөөмөйү менен көрсөтүп калышкан. Ушундай оор абалда алар жалаң кара жанын багыш үчүн мал кайтарып, дыйканчылык кылып, кээ бирөөлөрү соода-сатык ишин жүргүз үп, кара таман кедейге айланышкан. Уралга айдалып бара жат канда Шабдандын экинчи уулу Самүдүн баласы Абдылдабекти мурунку жылкычысы жана үй-кызматкери Тайкүрөңгө: «Мен алыска айд алып бара жатам. Биз менен жүрсө кичинекей наристе бала майып болуп калышы мүмкүн. Муну сен алып калып, бала кылып алгын» – деп берип кеткен. Абдылдабек букара Тайкү рөңов мектепти, Бишкектеги пединститутту бүтүргөн Жантайдын биринчи билимдүү небереси болгон. Тайкүрөңов Абдылдабектин улуу кызы Жаңыл ж.б. балдарын жогорку окуу жайында окуп билим алышына шарт түзөт. Бирок ал киши турмуштун оор запкысына туруштук бере албай, эртерээк дүйнөдөн өтүп кеткен. Ошентип чоң атасы Жантайдын жана чоң энеси Ак Мөөрдүн чыныгы кадыр-баркын ордуна келтирүү үчүн Жаңыл Абдылдабек кызы аракет кылып жүрөт. Мыкты эркек жигиттер келечекте чыгат деп үмүттөнсө болот.
Заман… Тагдыр… Бир нече кылым эл башы болуп келген хандын тукуму дээрлик деградация болуп кеткен…
«Ак Мөөр» жөнүндөгү маалымат толук болуш үчүн Рыбачье шаарында жашап, 74 жашында дүйнөдөн кайткан Ак Мөөрдүн небереси Муңайтпасов Жамалидиндин 1970жылы жазган катына көңүл бурсак: «Чоң атам Жантай өзү 53 жашында, Ак Мөөрдү 14 жашында жайдын толугунда Соңкөлдөн алган. Чоң энем Ак Мөөр 35 жашында дүйнөдөн кайт кан. 23 жашында тун уулу Муңайтпасты төрөгөн. Андан кийин Калый деген кыз, Токтонай деген уул төрөгөн. Үч баланын энеси. Калыйды көл башына күйөөгө берген. Токтонай кичине кезинде Токкожо деген кишинин колунда багылып жүрүп өлгөн. Ак Мөөрдүн Муңайтпасынан таралган беш бир туу ганбыз».
Атабыз Муңайтпас эл үркүп кайра келгенден кийин 63 жашында, 1920-жылы Нарында каза тапкан. (А.Токтомушев. «Ак Мөөр», 1971-жыл, 259-бет).
Бир нече жыл Кыргыз Республикасынын билим берүү министри, азыркы мезгилде Чүй областтык би лим берүү бөлүмүнүн башчысы, Ак Мөөр эненин инилери болгон Мукаш Базаркулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен Ак Мөөр эже нин инилери боломун. Биздин чоң атабыз Боркок деген киши болгон. Боркоктон Адыл жана Бай. Мен Бай атадан таралам. Бирок биздин туугандарыбыз анча көп болбогондуктан баарыбыз Боркоктун балдарыбыз деп бөлүнбөйбүз. Уругубуз боюнча ак-талаалык Чоро саяктарына киребиз. Боркоктон таралган эл азыр Ак-Талаа районунун Саз деген айылында турушат. Адыл атанын Ажы, Үмүр, Сарыкалча, Төлөмүш деген балдары, эң кенжеси Мөөркан (Ак Мөөр) деген кызы болгон. Жантай хан Соңкөлгө барганда аны Жумгал саяк тарынын манабы Чыны жана Чоро саягынын мыктысы Келдибек тосуп алып, аны конок кылуу үчүн өзү бай, кадырл уу, оокаттуу Боркоктун уулу Адылдын үйүнө алып барышкан.
Жантайдын максаты да ушул Соңкөлдө жайлаган саяктын мыктылары менен жолугушуу болгон. Кечки сый тамак мезгилинде бойго жетип кал ган Ак Мөөр конокторго чай сунган. Ошондо Ак Мөөр эже Жантайга жагып калыптыр. Мурун айтылып жүргөндөй, Ак Мөөр сууга түшүп жатканда Жантай көрүп жактырып калыптыр дегенди биздин ата-бабаларыбыз туура эмес деп айтышчу. Ошондой эле биз чоң атабыз кадырлуу киши Сулайманкул, менин өз атам Базаркул жана башка Ак Мөөр эженин төркүндөрү, Жантай хан Ак Мөөрдү зордук-зомбулуксуз алганын айтышчу. Жантайдын Ак Мөөргө үйлөнүш ү АкТалаадагы Чоро саяктарынын, Жумгалдагы Курманко жо Кулжыгач саяктарын ын Кокон хандыгынын кысымынан бир аз жеңилдик бергенин да эскеришчү. Ак Мөөр эженин төркүндө рү айтылуу Шабдан баатырдын ашына атайын чоң кам менен көп киши келген. Ал түгүл эженин туугандары Жантайдын балдары менен согушка чейин, бүгүн деле катышып ту рушат.
Бул жерде Жумгал саягы нын манабы Чыны жана Чоро саягынын мыктысы Келдибек, Медет, Мукаш Базаркулов айткандай, Жантай менен жылуу мамиле түзүү максатында Соңкөлгө келген Жантай ханга өздөрүнүн кызын алып берүүгө кызуу демилге кылышып, Жантайга Ак Мөөрдүн жагып калышына чоң шарт түзүшкөн. Жантай хандын Ак Мөөрдү алып, кайта кетээр мезгили жакындаганда, Мөөрдүн жеңелери кыздын калыңы жөнүндө сөз кылышкан. Жантай калың үчүн Кеминден жылкы айдатып жиберерин билдиргенде Жумгал саягынын манабы Чыны бий: «Баатыр, Чүйдөн барып мал айдатып жүрмөк белеңиз! Бир кыз тура, Мөөркандын калыңын мен берип коёюн! – деп Жантайды өтө ыраазы кылган. Кийин Ак Мөөрдүн ата-энеси ыраазы болгудай сандагы жылкы айдатып келип берген.
Азыркы мезгилде дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө (Африка жана Азиядагы өлкөлөрдү эсепке албаганда) – Испанияда, Грецияда, Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө жана АКШнын кээ бир штаттарында 12 жаштан тартып, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө 18 жашка чейин никеге уруксат берүүчү мыйзамдар бекитилген.
Жакында Россия мамлекетинин мамлекеттик Думасынын мурунку жана азыркы иштеп жаткан Дума сынын аял депутаттары юрист Светлана Горячева, мугалим Вера Лекарева жана врач-педиатор Тат ьяна Яковлева Думага Россия Федерациясынын үй-бүлөлүк кодексине Россиянын граждандарына он төрт жаштан баштап никелешүүгө уруксат берүүчү закон долбоорун киргизишкен. («Комсомольская правда» № 65 от 11 апреля 2002 г.) Бул закон долбоорун, мен мугалим катары кызуу колдоодон алысмын, бирок XIX кылымдагы кыргыздардын турмушунда он эки жаштан баштап турмушка чыгуу мыйзамдуу көрүнүш экендигин толук ырастаймын.
Жантай хан 1868-жылы 73 жа шында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Кемин районундагы Бейшеке айлында коюлган. Жантай Карабековдун XIX кылымда түндүк Кыргызстандын элин душмандардан коргоп, элдин чарбасын өстүрүп, баш ка кошуна элдер менен саясий, экономикалык жана соода байланыштарын өстүрүүгө жасаган эмгегин толук чагылдырган чоң тарыхый эмгек жазылса, кыргыз тарыхы дагы бир баалуу толуктоону алары талашсыз нерсе.
Азыркы мезгилде Жантай Карабеков жөнүндө кээ бир информациялык адабияттарда гана кичине маалыматтар жазылган. Ал эми орто мектептер, ал түгүл жогорку окуу жайлары үчүн жазылган тарых китептеринде Жантай Карабеков жөнүндө өтө аз маалыматт ар жазылганы өкүнүчтүү маселе. Жантай Карабеков XIX кылымдын ортосундагы кыргыз тарыхында белгилүү орду бар эң көрүнүктүү инсан, ал жөнүндө айтылуучу ойлор, жазылуучу китептер али алдыда деп ой лоймун.
Алымбай КЫЗАЕВ
АЛЫМБЕК ДАТКА
Кезегинде Кокон хандыгын кыргыздар өз мамлекети катары эсептешип, аны башкарууга эл арасынан чыккан чыгаан инсандар аралашып келгени маалым. Бийликке келген хандар да кыргыздар менен аяр мамиле жасап тоолуктарга тийиштүү бийлик орундарын берүүгө аргасыз болушкан. Тоталитардык доордо тарыхтын мындай чындыгы кыргыз тарыхнаамесинде кабыл алынбай, Кокон хандыгынын кыргыздардын үстүнөн үстөмдүк кылып келгени тууралуу көз караш өкүм сүрүп келди. Ошондон улам Кокон хандыгынын мезгилинде эл башкарган кыргыздын чыгаан инсандарынын мамлекеттик ишмердиги, тарыхтагы даңазалуу таржымалы так жазылбай, жеткилең баасын албай келгени жашыруун эмес. Андай инсандардын бири хандыктын мезгилинде эң жогорку бийлик сересине көтөрүлүп кыргыз, өзбек, кыпчактардын арасында зор сый-урматка ээ болгон – Алымбек датка.
Алымбек датканын мамлекеттик ишмердиги хандыктын гүлдөп өнүккөн мезгилинде башталган. Ал өзү менен бийлик сересине өмүрлүк жары Курманжан датканы кошо чыгарып, аялзатына тиешелүү зор касиетинин ачылышына, эл башкарышына шарт түзүп берген. Бири-бирин толуктаган бул эки зор инсанды өзүнчө бөлүп кароо, бирин экинчисинен бийик коюу дегеле мүмкүн эмес. Тарыхта ал экөөнүн ысмы дайыма ажыралгыс бир бүтүндүктө каралууга тийиш. Алымбек датканын өмүрү мезгилсиз эрте кыйылганына карабай, ал узак эл башкарып, ордо кызматында болуп келди.
Алымбек датканын жаш мезгили, жигиттик курагы тууралуу жазма маалыматтардан табуу кыйын. Бирок анын 31–32 жашында эле датка даражасына ээ болушу көп нерселерден кабар берет. Анын үстүнө Алымбек датканын мамлекеттик ишмердиги хандыкта кыргыздар менен кыпчактардын зобол осу көтөрүлүп, ордодо таасирлүү орундарды ээлеп турган учурга туш келет. Экинчи жагынан ордодо кыргыздардын таасиринин артышын Алымбек датка сыяктуу инсандардын ишмердиги, аракеттеринин жемиши катары баалоого болот. Ал «датка» даражасын алган мезгил Кокон хандыгынын эң күч алган, укуругу Чыгыш Түркстандан Арал деңизине чейин узарган учуру болгон. Ошол учурда тактыда отурган Мадали хан (1822–1842), андан мурдагы Алим хан (1798–1809) менен Омор хандын (1809–1822) саясатын улантып, хандыктын таасиринин артышына салымын кошкон. Ошондой эле ал ордого кыргыздын таасирлүү уруу башчыларын, белгилүү бийлерин чакырып, кызмат орундарын, бийлик даражаларын берүүнү уланткан. Мадали хандын тушунда аксылык Нүзүп аз убакыт болсо да миңбашылык орунду ээлесе, кесектен Сейитбек, төөлөстөн Полот, авааттан Сатыбалды, Таластан Ажыбек жана башка көптөгөн кыргыздардын чыгаан уулдарына датка даражасы ыйгарылган. Алардын ар бири өзүлөрү жашаган чөлкөмдөгү элди башкарып турушкан.
Алайлык кыргыздарды башкарып келген Алымбекке «датка» даражасы берилген соң анын таасири Анжыян, Аксы аймактарында да артып, алыскы Арка туугандарына да дайын боло баштаган. XIX кылымдын 30-жылынын аягында эле ал Гүлчөдөгү ордосун Ошко көчүрүп, жашоонун жаңы нугуна ык алып, соода-сатык, курулуш иштерине өзгөчө маани бере баштаган. Алымбек датка Ош шаарында жаңы имараттарды курдуртуп, шаарга бак тиктиртип, келечектин камын көрө билген мыкты жетекчи экенин дагы бир ирет көргөзө алган.
Көчмөнчүлүктө жашаган кыргыздардын келечеги үчүн кам көрүп, Ош шаарынын кыргыздарга тиешелүү экенин, Ош шаары кыргыздын шаары экенин иш жүзүнд ө бышыктаган. Шаар ичинде сугат арыктарын каздыртып, кыргыздарды дыйканчылык менен кесиптенүүгө үндөгөн. Ошондон улам орустун аскер тарыхчысы, генерал-лейтенант М.А.Терентьев өз эмгегинде Оштун XIX кылымдагы тарыхы тууралуу жазганда: «Кипчак и киргизы очень дорожили Ошом. Ош был их столицей, где никогда не стояли сарбазы кокандского ханства»,– деп таамай жазган. Орус аскер тарыхчысынын Ош тууралуу жогорудагыдай пикирди жазышынын өзү Алымбек датканын жана ал сыяктуу Ош үчүн кам көргөн кыргыз инсандарынын ишмердигин дагы бир ирет бышыктап турат. Ошентип, XIX кылымда Ошту аздектеген, анын келечеги үчүн кам көргөн кыргыздардын башында Алымбек датка турган. Ал курдурган медреседе узак жылдар бою кыргыз жаштары билим алып, аймакта билимдүү адамдардын саны өскөн.
Мындан сырткары Алымбек датканын өрнөктүү өмүрү, мамлекеттик ишмердиги ошол доордогу саясий окуялардын түйүндөрүн чечүүдө тынымсыз күрөштөр менен коштолуп турган. Мадали хандын тушунда Алымбек датка Кокон хандыгынын аймагында гана эмес, Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга да аралашып келгени маалым. Мадали хандын өлүмүнөн (1842-ж.), Бухаралыктардын талап-тоноочулук баскынчыл саясатынан улам хандыкта элдин нааразычылыгы күчөйт. Ошондо Нүзүп баш болгон кыргыздар Таласта таякелеринин арасында жашап жаткан, тактыга талапкер Шералыны ак кийизге салып, хан көтөрүшүп, Коконду ээлешкен. Бул мезгилди чагылдырган тарыхый булактарда Алымбек датканын ысмы учурабаса да, ал аксылык Нүзүп баштаган кыргыздардын аракетин колдогонун, Коконду бухаралык баскынчылардан коргоо үчүн кол курап барганын айтууга негиз бар. Анткени ал мезгилде Аксы, Анжыян, Алай, Лейлек кыргыздары жалпы акылдашып, жаңыдан хан көтөрүлгөн Шералы хандын айланасына биригүү бүтүмүнө келишкени тарыхта маалым. Натыйжада, кыргыздардын ынтымагы артып, алардын таасири Ордодо толук орнойт. Кыргыздар менен кыпчактар ал мезгилде бухаралыктардын баскынчыл жортуулдарынын мизин гана кайтарып тим болбостон, алар хандыктын чек араларын, аймагын калыбына келтирүү үчүн жүрүштөрдү уюштуруп, жыйынтыгында 1842–1843-жылдары Ташкент, Кожент шаарлары кайрадан хандыкка баш ийдирилген. Мадали хандын акыркы мезгилинде солгундап кеткен мамлекеттик тартипти калыбына келтирүү үчүн аракеттер жасала баштаган. Опурталдуу саясий окуяларга карабай Алымбек датка өмүрлүк жары Курманжан датканы ээрчитип, белек-бечкегин алып Шера лы ханга салам айтып келген. Ордодон Шералы хандын жубайы Жаркын айым, Соно айым менен Курманжан таанышып, ортодо жылуу мамиле орнойт. Мындан сырткары ордого кошо келген Жаркын айымдын жакын тууганы Зыйнат (кийин датка атыгат) айым менен да Курманжан жакшы ымала түзүп, кыргыздын көрүнүктүү төрт айымы көздөрү өткүчө бири-бирин колдоп, хандыкты башкарууга иштиктүү аралашып келишкен. Алымбек датканын ордо менен жакындашуусуна ушул мез гилден баштап Курманжан датка да жардамдашып, ордонун жашыруун сырлары менен кабардар кылып турган.
Шералы хан менен кошо ордодогу негизги бийлик орундарына кыргыздардын келиши, алардын чечкиндүү аракеттери, тажиктер менен өзбектердин, ал түгүл кыпчактын бийликтен сүрүлгөн өкүлдөрүнө жага бербейт. Ордого нааразы болгон кыпчактар алгач Коконду таштап, Анжияндын айланасына жыйнала баштаганда, алардан чочулаган Шералы хан улуу баласы Абдырахман бек (Сарымсак) менен баш увазири Нүзүптү сүйлөшүүгө жөнөтөт. Алар Мусулманкул баш болгон кыпчактын бийлик өкүлдөрү менен Шахрыханда (Шаарыханда) жолугушуп, алардын айткан дооматтарын толугу менен Шералы ханга жеткиришет. Ушул сүйлөшүүдөн көп өтпөй Шералы хан Нүзүптү миң башылык, баш увазирликтен бошотуп, Маргылаңга аким кылып дайынд айт. Анын ордуна алгач тажик Шады датканы коёт. Ордодо таасири зор, ары акылы зирек Нүзүптүн Маргылаңга аким болушу, андан соң ошол эле жерде өлүм жазасына тартылышы менен ордодо кыргыздардын таасири азайып, натыйжада хандыкта башаламандык башталат. Ал эми Шадынын миң башы болуп дайындалышы кыпчактардын нааразычылыгын ого бетер күчөткөн. Натыйжада, 1844-жылы Чусттун жанында Шады миң башы менен Мусулманкулдун колу эки жолу катуу беттешип, кыпчактар жеңишке жеткен. Бул окуядан кийин Мусулманкул баш болгон кыпчактар Коконго киришип, Шералы ханды туткунга алышат. Бирок ханды өлтүрүүдөн айбыгышкан кыпчактар аны ак кийизге салып, экинчи ирет хан көтөрүшөт. Ордодогу негизги бийлик орундарын Мусулманкул баштаган кыпчактар ээлешкен.
Кокон хандыгын Шералы хандын айланасындагы кыпчактар башкарып турган учурда айрым гана кыргыздар бийликке аралашкан. Алымбек датка Алай элине баш-көз болуу менен бирге, Оштогу курулуш иштери менен алектенген. Ошол кезде Шералы хандын чечкинсиздигине, Мусулманкулдун таасиринин күчөгөнүнө нааразы болушкан кыргыздар Алымбек датканын айланасына жыйнала башташкан. Анын чакырыгы боюнча кесек уруусунан Сейитбек датка, төөлөс уруусунан Полот датка жана башка кыргыздын уруу башчылары Мадыга чогулушуп, ордодо кайрадан кыргыздардын таасирин орнотуу үчүн күрөш баштоого макулдашат. Ошол доордо жашаган авторлордун жазып калтырганына караганда, 1844-жылдын аягы, 1845-жылдын башында хандыктын түштүк-чыгыш аймагында кыргыздардын жалпы күрөшү башталган. Исфаранын беги Сатыбалды датка (аваат уруус унан), Рахматулла датка баштаган кыргыздар, эне жагынан аваат уруусунун жээни, Муратты (Алим хандын баласы) хан көтөрүп, тактыга отургузууну көздөшкөн. Ал эми өзбек окумуштуусу X. Бабабеков «Ансаб ас-салатин ва таварих – и ал хавахин» аттуу эмгектеги маалыматка таянып, Мусулманкул ордонун кеңешин чакырып, Шералы хан менен иш начар болуп жатканын, ошондуктан жаңы ханды көтөрүү жагын айтып, Самарканддан Муратты чакыртуу жагын ортого салганын, аны аткаруу үчүн жашыруун кат жазып, Исфаранын беги Сатыбалдыбек аркылуу Муратты чакыруу жагын айтканда, ордодогулар Мусулманкулду колдоп чыгышканын жазат. Бул маалымат кызыгууну жаратпай койбойт. Анткени Мусулманкул өзүнө каршы күрөшкө чыгышкан кыргыздарды амал менен жеңүүнү көздөгөн жана алардын колу менен Шералы ханды жок кылып, өзүнүн негизги максатын ишке ашырмак болгон. Ал эми анын негизги максаты, албетте, бардык бийликти өз колуна топтоо болгонун кийинки окуялар бышыктады. (Ошол үчүн кийин 1853-жылы Кудаяр хан жана апасы Жаркын айым Шералынын өлүмү үчүн Мусулманкулдан катуу өч алышкан).
Алымбек датка да Мусулманкулга алдатканын кеч түшүнгөн. 1845-жылы Ош шаарында күрөшкө чыгышкан кыргыздар Шахрыхандын (Шаарыхандын) акими кыпчак Куроглы жетектеген кошуун менен беттешип, жеңилүүгө дуушар болот. Колго түшкөндөрдүн көпчүлүгү катуу жазаланат. Калгандары тоо аралай из суутушкан. Жеңилип калган соң Алымбек датка да Алайга кайткан. Ушул датканын ысмы жазма булактарда окуядан соң бир топко чейин учурабайт. Хандыктагы саясий окуяларда да анын аты аталбай, ишмердигинде бир азга тыныгуу башталган. Ошентип, 1845-жылы Шералы хан өлтүрүлгөн соң, Мусулманкул анын 14 жашар баласы Кудаяр ханды тактыга отургузуп, өзү аталык, миң башылык орунду ээлеп, хандын атынан мамлекетти башкарып калган. Анын тушунда айрым кыргыздар гана бийликте калбаса, анын Алымбек датка сыяктуу күчтүү атаандаштары, каршылаш тары бийликтен алыстаган. Ал түгүл тактыга отургузулган Кудаяр хандын өзү да 1853-жылга чейин бийликке аралаша албаган. Кудаяр хан жашы жеткенде Мусулманкул ага өз кызын алып берип, туугандык жагынан да жакындашып алган. Бирок эске сала кетүүчү жагдай, Мусулманкулдун апасы да кыргыз болуп, ал өзү айтылуу кетмен-төбөлүк Рыскулбек манаптын бир тууган карындашына үйлөнгөн.
Бирок Алымбек датка бул мезгилде Алайдан чыкпай жатып алган деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Анткени Кокон хандыгынын кайсыл мезгилинде болбосун алайлык кыргыздар менен ордо төбөлдөрү эсептешип келишкен. Айрым маалыматтарга караганда ал мезгилде Мусулманкул менен Алымбек датка «сен мага тийбе, мен сага тийбейм» принциби менен жашашкандай. Алай кыргыздарынын тынч жашоосу, ордого каршы аттанып чыкпаганы да алардын ордо зомбулугуна анчалык кабылбаганынан кабар берет. Анын үстүнө ары кыргыздын жээни, ары күйөө баласы Мусулманкул таяке-кайындарына анчалык оорчулук келтирбей, хандыктын экономикасы менен көбүрөөк алектенгендей. Ошол кездеги орус тилдүү жазма булактарда Мусулманкулдун оң жактары, аткарган алгылыктуу иштери тууралуу маалыматтар көп кездешет. Ал эми Алымбек датка Кашкар, Афганистан, Бухара сыяктуу коңшулаш ээликтер менен мамилесин арттырып, негизги көңүлүн Оштогу курулуш иштерине бургандай.
1853-жылы кыпчактардын бийлик төбөлдөрүнүн арасында карама-каршылык күчөп, Мусулманкулдун ооматы кайтат. Анын кетмен-төбөлүк кыргыздарга таянып күрөшкө чыгуусунан майнап чыкпайт. Акырында Мусулманкул баш болгон 20 миң кыпчак кыргынга алынган. Кудаяр хандын өз алдынча бийлик жүргүзүүсү башталып, бийликтен куулган кыпчактардын ордун отурукташкан элдин өкүлдөрү ээлешкен. Ошондо да негизги бийлик орду, миң башылык кызмат кыргыздарга тийген.
Бир эле мезгилде миң башылык, баш увазирлик орунду ээлеген Кара дарыялык Касым ордо менен кыргыздардын байланышын жакшыртууга аракет жасаган. Ал ордодо хан энеси Жаркын айымдын күчтүү колдоосуна таянган. Ал эми Жаркын айым менен бул учурда Кудаяр хан баштаган ордо төбөлдөрү эсептешкен. Ал түгүл хан энесинин тууганы Зыйнат датканы көргөндө көпчүлүк ордо төбөлдөрүнүн оозунан сөз ыргыганын жазма булактар бышыктайт. Төңкөрүшкө чейинки авторлор, Кудаяр хан күнүнө эрте менен энеси Жаркын айымдан кеңеш алып турганын жазып калтырышкан. Кийинчерээк Касым миң башы хандын каарына калып, өлүм жазасына тартыларда ортого Жаркын айым түшүп, анын өмүрүн сактап калган. Ордодо миң башылык кызматта туруп, баш увазир аталган кыргыздын чыгаан уулу Касымдын ишмердиги, анын кийинки тагдыры тарыхта белгисиз бойдон калып келген эле. 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Ананьево айы лынан Касымов Мукан Абдулдаевич аттуу аксакал атайын Бишкекке келип, чоң атасы Касым миң башы жөнүндө айтып берген. Мукан аксакалдын айтуусу боюнча Касым миң башы Сузактын Кара дарыясынан Мырзабай де ген дин баласы болуптур. Аны Жаркын айым өлүмдөн алып калып, жер которткон. Ошондо Касым миң башы үй-бүлөсү, жакын туугандары менен Ысык-Көлгө көчүп келген. 1912-жылдары Касым миң башынын көзү өтүп, сөөгү Балыкчы шаарына жакын коюлат. Анын күмбөзү азыркыга чей ин бардыгын, урпактары Ананьеводо жашарын небереси Мукан аксакал айтып берген.
Касым миң башынын мезгилинде Алымбек датка кайрадан ордо менен кызматташа баштаган. Ага белгилүү деңгээлде өмүрлүк жары Курманжандын хан энеси Жаркын айым менен жакшы мамилеси да себеп болгон. Өз мезгилинде кыргыздын бул эки кызы байма-бай катташып, сыр чечишип, ордо иштерине да кийлигишип турган. Курманжанды энеси аркылуу Кудаяр хан да жакшы билип, урмат-сый көргөзүп келген. Кийинчерээк 1862-жылы Кудаяр хан экинчи жолу такка отуруу аракетин жасап, Бухара эмири Музаффардын коштоосу менен хандыкка келгенде, Оштон Курманжанга аялзатынын ичинен биринчи жолу Бухара эмирлигинин «датка» даражасынын ыйгарылышы тарыхтан маалым. Курманжандын «датка» болушуна ошол кезде эле Жаркын айым жана анын уулу Кудаяр хандын үлүшү болгон. Кудаяр хан 1865-жылы үчүнчү жолу тактыны ээлегенде, эмир Музаффар тарабынан берилген Курманжандын «датка» даражасы Кокон хандыгынын атынан кайра бышыкталган.
Касым миң башынын аракетине карабай, Кудаяр хан өз алдынча бийлик жүргүзгөн жылдары (1853–1858) Алымбек даткага ордодон атайын бийлик орду сунуш кылынган эмес. Ал эми Алымбек датка Алай, Ош аймагын башкаруу менен чектелип калгысы келбеген. Ошол үчүн Кудаяр хандын бир тууганы Малабектин өтүнүчүн дароо колдоого алып, ал убада кылган баш увазирлик орунга дароо макул болгон. Анткени Алымбек датка хандыктагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, кадыр-баркын, таасирин сезе билип, эл колдооруна ишенген.
1858-жылдын аягында аталаш бир туугандар Малабек менен Кудаяр хандын ортосунда карама-каршылык күчөп, Малабек жашыруун Анжыянга, андан Карасуудагы кыргыз дардын арасына келет. Анткени Ташкенттин башкаруучусу Мырза Ахмеддин адилетсиздигинен улам аймакта жашаган казактар көтөрүлүшкө чыгып, аны териштирген Малабек Мырза Ахмедди жазага тартуусун кабарлап, аны Коконго жиберсе, Кудаяр хан аны миң башылык кызматка коёт. Хандын кылыгына Малабек катуу нааразы болуп, Анжыянда бек болуп отурган бир тууганы Сопубекке келет да, андан Карасууга өтөт. Малабектин нааразычылыгын уккан Кудаяр хан аны кайра Коконго кайтаруу үчүн апасы Жаркын айымды, андан соң ордодогу эң сыйлуу диний жетекчи Хазерттини бир тууганына элчиликке аттандырат. Бирок Кудаяр хандын мындай аракеттеринен майнап чыкпайт. Малабек ордого келбей койгон.
Көпчүлүк жазма булактарда Малабек Карасууга келген соң Алымбек даткага, Асан бийге жардам сурап кайрылганы, алардын жардамы менен кошуун жыйганы айтылат. Асан бий болочок Алымкул аталыктын атасы болгон. Тарыхый булактарда да ал «Алим-бий ибн Хасан бий» деп кездешет. Ошондуктан Асан бийдин жардамын алган Мала хан тактыга отурганда Молдо Алымкулду эшик агалык кызматка койгон. Ал эми Алымбек датка Малабектин өтүнүчүн канааттандырып, хандыктын Түштүк-Чыгыш тарабындагы кыргыздарды Карасууга чакырган. «Тарыхи Шахрухи» эмгегинде Малабектин кыргыздар арасына келиши менен кыргыз билермандары, уруу башчылары Үчкоргон кыштагында топ өткөрүшөт. Топто негизги маселе катары бийлик бөлүштүрүү: баш увазирлик, миң башылык, вилайетке акимдердин дайындалышы жана башка негизги бийлик орундарына кимдер дайындалары талкууланган. Топко Алымбек датканын жетекчилик кылышы талаш туудурбайт. Жыйында кыргыздардын бийлик бөлүштүрүүсү Малабектин катышуусу менен өтүп, болочок хан топтун чечимин аткарууга убада берет. Мына ошол топто ордодогу баш увазирлик орун Алымбек даткага ыйга рылган.
Макулдашылгандай эле кыргыздардын жардамы менен Малабек тактыны ээлеген соң, кыргыздар алдын-ала бөлүштүрүлгөн бийлик орундарын ээлешкен. Кожентке Сейитбек датка, Нау сепилине Молдо Касым, Бишкек сепилине Атабек, Маргылаң вилайетине кийинчерээк Молдо Алымкул дайындалган. Алымбек датка кээ бир жазма булактарында Анжыян вилайетинин акими болуп эскерилсе, Ч.Валихановдун даректүү баянында Анжыянга аким болуп, Сарымсактын баласы Шамуратбектин дайындалганы айтылат. Ал эми Алымбек датка тууралуу ошол кезде кыргыз жергесине келген Чокон Валиханов: «Алымбек датканын жардамы менен бийликке келген Мала хан ага миң башылык орунду убада кылып, бирок кийинки жылга чейин расмий түрдө аны миң башы катары тааный электигин, ага карабастан Алымбек датка баш увазир пайдаланган укуктарды пайдаланарын» жазган. Алымбек датка баштаган кыргыздардын хандыктагы негизги бийлик орундарын ээлеши, кыргыздардын жалпы биримдигин арттырган. Арка тараптагы кыргыздар Алымбек даткага өкүлдөрүн жиберип, айрым мүдөөлөрүнүн аткарылышы үчүн аракеттерин Ч.Ч.Валихановдун эскерүүсүнөн жолуктурабыз. Алымбек датка Арка кыргыздарынын таасирдүү башчыларын ордого чакырып, аларды ордо иштерине аралаштырууну көздөгөн. Айтылуу Шабдандын ордого чакырылышы, ал жерден таалим-тарбия алуусу да Алымбек датканын мезгилине туш келет. Мындан сырткары атактуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун Анжиянга келишине, ал жердеги таанымал акындар менен таңдай жарып бирге ырдашына Алымбек датканын салымы бар. Ал тууралуу атактуу акын өзүнүн ырларында ырдаган. Алымбек датка ордодо отурган кезинде Арстанбекти туугандары менен бирге ордого чакырып, аны Аксы, Анжыян, Алайдын залкар акындарына жолуктурган. Алымбек датканын Анжыян, Аксы, Алай кыргыздары менен Арка кыргыздарын жакындаштырууга аракет жасаганы анын ой-чабытынын кенендигин кабарлайт. Мала хандын (1858–1862) тактыга отурган мезгилинде Орусия империясынын Орто Азияга басып алуучулук саясаты күч алган. Кокон хандыгынын аймагы да тарый баштаган. 1860-жылы Чүйдөгү Бишкек, Токмок сепилин орус аскерлери убактылуу ээлеп, уратып салган. Мала хан алгач ордодогу бийлигин бышыктап алган соң, кыргыздар менен кыпчактарды экинчи орунга сүрүп, өзбек, тажиктерди айланасына топтой баштаган. Зор таасирге ээ Алымбек датканы 1860-жылдын башына чейин расмий түрдө миң башы, баш увазир катары эсептегиси келбеген. Көпчүлүк жазма булактарда ал Анжиян вилайетинин акими катары эскерилет.
1860-жылы күзүндө Мала хан орустарга каршы согушка даярдык көрүп, негизги күчтөрүн Чүйгө чогулткан. Мала хандын тапшыруусу менен Алымбек датка да кошуун курап, Чүйгө келген. Мында Алымбек датканын Арка кыргыздарынын арасындагы таасирин пайдаланып, Чүйдөгү кыргыз урууларын согушка тартууга аракет кылган. Ошол эле учурда Ташкенттин беги Канат-шаа да кошууну менен Чүйгө келет. Ал жерден Узун-Агач жана Кастектин алдындагы согушка ким башкы командачы болот деген маселеге келгенде Алымбек датка менен Канат-шаанын атаандаштыгы күчөгөн. Хандыкта баш увазирдин укуктарын пайдаланган Алымбек датка Ташкенттин башкаруучусу Канат-шаага баш ийүүгө караманча каршы чыккан. Ал эми Канат-шаа Мала хандын жарлыгына таянып, башкы командачы экенине чиренген. Анын үстүнө Ташкенттин акимине Чүй, Ысык-Көл, Казак жерлеринин баш ийиши да Канаат-шаага шыкак берген. Кыргыздар менен кыпчактар Алымбек датканы башкы аскер жетекчи катары таанышып, Канаат-шаага баш ийүүнү каалашпаган. Ч. Валиханов алдын-ала баа бергендей Мала хандын эки жүздүүлүгү, оомалыгы дагы бир жолу көрүнүп, ал орустарга каршы күрөштө зор кедергисин тийгизген. Натыйжада, Алымбек датка менен Канаат-шаанын ортосунда атаандашуу күчөп, Алымбек датка жетектеген 12 миңге жакын кыргыздар согушуудан баш тартышкан. Бул окуяны XIX кылымда жашап өткөн «Тарыхи Шахрухинин» автору Молдо Нияз аталган эмгегинде Алымбек датка чыккынчылыкка барды деп жазып, ошол эле учурда Мала хандын эки жүздүүлүгү тууралуу ооз ачпайт. Соңку кездеги изилдөөлөрдө да Молдо Нияздын жазганы боюнча Алымбек датканы чыккынчы катары кароого аракет жасалат. Ордонун тапшыруусу менен бир жактуу жазылган бул маалыматка калыс баа берүүгө убакыт жетти көрүнөт.
1861-жылы февраль айында Канаат-шаа Коконго келип, Алымбек датканын үстүнөн Мала ханга арызданып, анын катуу жазага тартылышын суранган. Канат-шаанын бул арызынан кийин Мала хан башка аскер жетекчилерин да суракка алат. Акырында Алымбек датка күнөөлүү деп табылып, хан аны өлүм жазасына тартмак болот. Бирок анын хандыктагы таасиринен чочулап, Анжыянга аким кылып, бийлигин төмөндөтүү менен чектелген. Хандын ушундай өкүмүнөн көп өтпөй, Алымбек датка Анжыянга кайтат.
Көп өтпөй Мала хан Анжыянга келет. Бул жерден Алымбектин үстүнөн арыздар көп түштү деген шылтоо менен жашыруун түрдө аны өлүм жазасына буюрат. Качан Алымбек датканы жазалоо үчүн Коконго чакыртканда, анын сыры ордодогу ишеничтүү кишилер аркылуу билинип калат. Молдо Алымкулдун жердеши, 72 жаштагы Гулямжан Кенжеевдин айтуусу боюнча, Алымбек датканы Анжиянга кармап келүүнү Маргылаңдын акими Алымкулга тапшырат. Бирок Молдо Алымкул алдын-ала чабарман жөнөтүп, Алымбек датканы Алайдан кете турушун кабарлайт. Ошондон соң Алымбек датка Мала ханга каршы кыргыздарды күрөшкө үндөй баштаган. Күрөшкө Адыгене уруусунан башка сол уруусунан да көптөгөн кыргыздар тартылган. Алымбек датка Алайдан Нарынга өтүп, сарбагыш уруусунун манаптары Үмөтаалы, Ажы, Адыл, Төрөгелди, саяктардын манабы Осмонго кайрылган. Кыргыздардын тез арада баш кошуусу Мала ханды алдастатып, айласын кетирген. Ал Алымбек датка менен душмандашуудан айбыгып, 40 кишиден турган өкүлүн жарашуу үчүн элчиликке жиберген. Алымбек датка жарашуудан баш тартып хан жиберген адамдарды жазалаган. Андан көп өтпөй Мала хан жиберген жазалоочу кошуунду да толугу менен талкалайт. Алымбек датканын мындай чечкиндүү аракеттерине байкоо салган Батыш Сибирь генерал-губернатору Дюгамель анын Кокон хандыгына көз карандысыз, кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүгө ниети бар экендигин боолгойт. Ошол үчүн ал 1861-жылы 8-июнда согуш министрине «Алымбек будто бы намерен остаться среди дикокаменных киргизов, кочующих в верховьях Нарына, между озером Иссык-Куль и Мала-Бухарской равниной и сделаться независимым правителем этого народа, вступив предварительно в дружеские с нами отношения.
Имея в виду, что сближение с Алымбеком полезно для нас в том отношении, что может благоприпятствовать безопасному следованию караванов в Кашгар, я предписал полковнику Колпаковскому: в случае если Алымбек действительно откроет с ним сношения, то, не отказывая ему в нашем распоряжении, стараться поддерживать дружеские с ним отношения», – деп билдирет (ЦГА Респ. Узб., Ф.И.715, оп.1, д. 25, л.329–330). Дюгамель билдирген кабардын канчалык деңгээлде чындыгы бар, али такталбаган маселе. Анткени Алымбек датка Нарындагы кыргыз урууларын күрөшкө тартуу менен Кокон хандыгындагы кыргыздардын таасирин кайра күчөтүүнү каалаган. Ал эми өз алдынча кыргыздардын мамлекетин түзүү анын негизги максаты эмес экендиги анын кийинки аракеттеринен да көрүнгөн. Эң негизги Алымбек датканын кырг ыздарды баш коштурууга жасаган аракеттери ошол кезде Кокондун ханы Мала ханды гана эмес, Батыш Сибирь генерал-губернатору Дюгамелди да кыргыздар менен эсептешүүсүнө алып келген. Ушундан улам Мала хан өз жаңылыштыгын сезип, элдешүү үчүн кайрадан Алымбек даткага өкүлчүлүгүн жиберүүгө мажбур болгон. Мала хандын көптөгөн аракеттеринен соң, айрым кыйыр түрдөгү маалыматтарга караганда Курманжандын, Молдо Алымкулдун ортого түшүүсүнүн натыйжасында Мала хан менен Алымбек датка убактылуу тил табышат. Натыйжада, ордого келүүгө макул болгон Алымбек датканын талаптары аткарылып, баш увазирлик орунду кайра ээлейт. Бирок Алымбек датка менен Мала хандын ортосундагы жарака биротоло бүтөлбөйт. Ортодогу карама-каршылыктар күчөп отуруп, окуя Мала хандын өлүмү менен аяктайт. Арадан көп убакыт өтпөй мундуз уруусунан Алымбек (туурасы, баргы – М.К.), кыргыздын дузунан (мундуз – М.К.) Хадир, Кудайназар түрк жана башка айрым кыпчактар биригишип, Алымкул кыргыздардын макулдугу менен 1273-жылы шабан айынын 24ү, дүй шөмбү күнү түн ичинде (24-февраль 1862-жыл) Мала ханды өлтүрүшөт. («Тарихи Шахрухи» боюнча). Дагы бир маалыматта (Тарихи джахан-намаи) жогоруда айтылгандар бышыкталып, Мала ханды Алим бий парваначы (кыргыз), Хидыр бий эшик агасы (кыргыз), Шадман кожо-парваначы, Худайназар датка (түрк уруусунан), Дустмихтар (юз уруусунан), Мухаммед Ибрахим – мырзабашы Касани жана башка белгилүү кишилер өлтүргөндүгү айтылат. Мала хандын ордуна Сарымсактын он беш жашар баласы (Шералы хандын улуу баласы) Шахмурадды хан көтөрүшөт.
Алымбек датка хандыктагы баш увазирдин ордун ээлеп, иш жүзүндө хандыкты башкарууну колго алган. Ал баш увазирлик орунда туруп чечкиндүү аракеттерди жасап, Мала хандын жаңылыштыктарын оңдоого киришкен. Алымбектин мындай чечкиндүү иш-аракеттеринен чочулаган Канат-шаа Жизакта жүргөн Кудаяр ханды Ташкентке чакырат. Канат-шаанын Кудаярды такка отургузуу аракетине ферганалык кыргыздар, кыпчактар каршы болушат. Алар кол курашып, Кожентти, Коштегирменди, Науну каратышып, Ташкентке бет алышат. Ташкенттин алдындагы алгачкы эле беттешүүдө Бухара эмири көп кол менен Самаркандга келгенин угушуп, Коконду көздөй артка кайтышат. Жолдо келе жатышып, Сыр дарыянын жээгиндеги Самгарга жакын жерде Шадман кожо, Бек Мухаммед удайчы жана башкалар менен келишип алып, Кадыр кыргызды, Ырыс-Али кыпчакты жана Кудайназар түрктүн көзүн тазалайт. Булардын бардыгы Алымбек баш увазирдин эң ишенген адамдары болгон. Алымкул башында турган экинчи топ Чотон баштаган адамдарды Коконго жиберип, Алымбекти өлтүртөт. Коргон-төбөлүк кыргыздардын арасында Молдо Алымкулдун Алымбек датканы өлтүрүүгө тиешеси жоктугу айтылат. Коргон-Төбө районунун тургуну, санжырачы Гулямжан Кенжеевдин айткан маалыматы боюнча Молдо Алымкул менен Алымбек датка өмүрүнүн аягына чейин сыйлашып өтүшкөнү, кийин Алымбек датканын балдары менен да жакшы мамиледе болгону бышыктоого алынат. Алымбек датканын өлүмү көпкө чейин жашыруун сакталат. Жада калса аны өмүрлүк жары Курманжан да билбейт. Бул кайгылуу окуяны ал көп убакыт өткөндөн кийин гана угат. Анткени экинчи топ Алымбек датканын кыргыздардын арасындагы кадыр-баркынан чочулашып, жаңы чыр-чатактын чыгышынан кор кушкан.
Алымбек датканын өмүрү ошентип 1862-жылдын жаз айларында ордодогу бийлик үчүн күрөшкөн экинчи топтун колунан кыйылган. Анын узак убакыт бою Кокон хандыгында, андагы тынымсыз жүрүп турган күрөшкө арналган өмүрү кайгылуу аяктаган. Алымбек датканын ишин өмүрлүк жары Курманжан жана балдары уланткан. Датка даражасы 1862-жылы Курманжанга ыйгарылып, балдары атасындай хандыктагы кызмат орундарын ээлешкени белгилүү. Кийин 1894-жылы 17-февралда Орус төбөл дөрүнө жазган катында Курманжан датка: «Менин балдарым сыяктуу эле алардын атасы жана чоң аталары мурдагы мусулман хандарына жана бектерине ак ниеттери жана берилүү менен кызмат кылышып, ардактуу жана жакшы адамдардан болушкан, эч качан эч нерсе менен айыпталбаган, өзүлөрүнүн наамына доо кетирбеген жана элге таанымалдыгы менен сый-урматка ээ болуп келишкен» – деп мүнөздөмө берген (ЦГА Респ. Узб., Ф. – 19, д. 3617.. л.30–31). Курманжан датка мүнөздөгөндөй Алымбек датка өз наамына эч качан доо кетирбеген жана элге таанымалдыгы менен сый-урматка ээ болуп келген. Кокон хандыгынын доорунда кыргыздардын арасынан Алымбек даткадай узак мезгилге дейре хандыктын ишине аралашып келген инсан жок. Ал беш хандын тушунда (Мадали, Шерали, Кудаяр, Мала, Шахмурад) кызмат өтөдү. Хандыктагы жогорку чиндердин, даражалардын, кызмат орундардын бардыгына ээ болду. Даткадан парваначылыкка, Алай кыргыздарынын баштыгынан ордодогу экинчи орун миң башылык, баш увазирдик кызматтарына чейин көтөрүлдү. Буга баарынан да Алымбек датканын жөндөмү, зирек акылы түрткү болду. Ал жалгыз коктунун же бир уруунун казанында кайнабай, Анжыян, Алай, Аксы, Арка кыргыздарына да кеңири таанылып, XIX кылымдын ортосунда кыргыз элинин башын бириктирүүгө, ынтымагын арттырууга өз салымын кошкон, өз доорунун алдыңкы инсаны болгон. Алымбек датканын өмүрүн, мамлекеттик ишмердигин бүгүнкү күн менен эмес, өз доорунун, ал мезгилинин тарыхый шарты, мыйзамы менен баалаганда гана анын улуулугун сезип, өз баасын татыктуу бере алабыз. Алымбек датканын мезгилин, жалпы эле кыргыздардын Кокон хандыгына карата мамилесине баа бергенде Ч. Валиханов да өзүнүн: «По отношениям к Коканду киргиз можно разделить на подданных Коканду и на признающих его власть; первые пользуются одинаковыми правами с узбеками, служат в войсках и занимают военные и гражданские места. Другие платят зекет и обязаны давать вспомогательные войска в случае надобности» деген калыс оюн, кашкайган чындыгын жазган. Ч. Валихановдун бул айтканы, Алымбек датканын өмүр жолу, саясий ишмердиги дагы бир жолу Кокон хандыгы кыргыздардын да мамлекети болгон деген биздин оюбуздун далили боло алмакчы. Ал эми Алымбек датканын жаркын элеси, өмүрү кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сактала бермекчи.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ
ШАБДАН БААТЫР
Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча кайсы бир деңгээлде кабарыбыз бар дегенибиз менен өмүрү уламышка айланып айкөл, кең пейил, акылман, жоомарт, боорукер, калыс, акыйкатчыл, чечкиндүү, абройлуу деген эпитеттер менен гана айтылып келген Шабдан баатыр Жантай уулунун (1839–1912) ысымы тууралуу угуп-укпай, билип-билбей жүргөндөрүбүз арабызда аз эмес. Буга да албетте түшүнүүгө болот, анткени ал чынында эле кыргыз элинин тарыхындагы кыйчалыштуу жана бурулуш мезгилдеринде өмүр сүрүп, ошол замандын жөн гана байкоочусу болбостон чет жерликтердин колониялдык басып алууларынын оор шартында өз элинин татыктуу уулу катары чыкты.
Тарыхый булактарды жана ХIX кылымдын орто ченинен ХХ кылымдын башталышына чейинки Кыргызстандагы саясий кырдаалды талдап келип, Россиянын колониялдык бийлигинин жаңы чөлкөмдү башкаруусунда Шабдан баатырдын ортомчулук кылышы учурдун талабынан келип чыккандыгын ырастайт. Ошол мезгилдеги айыгышкан атаандашы, Пишпек уездинин начальниги А.Талызин 1896-жылы мындай деп жазат: «Шабдан Жантаевдин таасири орус өкмөтүнө сиңирген кызматынан улам болду, Шабдандын тектүүлүгү алдыңкы орунда турганы менен кыргыздардын арасындагы биринчиликти ал өзүнүн акылы жана ийкемдүүлүгү менен алды… Анан дагы, Пишпек уездинин начальниктери кыялданышка мүмкүн болбогон (барон Штакельберг жана Г.А.Колпаковскийден тышкары) анын өтө таасирдүү тааныштары бар, ошондуктан башка манаптарга кылгандай мамилени Шабдан баатырга жасай албайсың. Бул элде Шабданды, орус өкмөтүнүн алдында күчтүү жана кадыр-барктуу деп эсептешет. Айрыкча анын сиңирген эмгегине артыкчылык беришет жана кыргыздар айткандай, ал өзүнүн баркын билген көптөгөн мырзалар менен тааныштыгы бар!» Бир аз кийинчерээк, орус администрациясынын дагы бир өкүлү, Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун алдындагы өзгөчө тапшырмалар боюнча даражалуу кеңешчиси Н.А.Прокопов, Жети-Суу облусунун аскер губернатору П.П.Осташкинге 1913-жылдын 18-июндагы жазган рапортунда Токмок бөлүмүнүн пристав штабс-капитаны Ю.Кутуков менен Шабдандын болгон тыгыз мамилесин чечмелеп келип мындай деп жазат: «Жети-Суу облусундагы кыргыздардын арасында Шабдан Жантаевдин болуп көрбөгөндөй таасирге ээ болушу, Токмок бөлүмүнүн гана эмес, бүтүндөй Пишпек уездинин башкаруу ишиндеги жергиликтүү администрациясынын жүгүн жеңилдетип, кыргыздардын арасындагы катуу чыр-чатактарды, мал жана жылкы уурдоолорду тынчытып, орус калкынын мамилесин да жөндөй алды. Ал эми 1910-жылы 22-декабрда болгон жер титирөөдөн кийинки мезгилдерде, Сарбагыш жана Атаке болуштугундагы жабыр тарткандардан кабар алып, аларга жөлөк-таяк болуп, көмөктөшүү пулун таратууну уюштурду. Шабдан Жантаев өзүнүн кылган кызматы үчүн бир нерселерге үмүттөнүп, ал тургай кыйыр түрдө да эч нерсе талап кылган жан эмес, ошондуктан ал кыргыздардын арасында өтө чынчыл жана айкөл адам катары кадыр-барктуу».
Шабдан баатырдын жашоо мүнөзүн жана ишмердүүлүгүн козгоп келип А.Талызин мындай деп жазат: «… ал бул жерде уезддин начальнигинин жардамчысына окшогон ролду ойнойт, ага даттануулар менен келишип, жогорку өкмөттүн алдында колунан келген жеткиликтүү маселелер боюнча жактоочулук кылышып жана уезддеги насыя бүтүмдөрүн макулдашууда, кыргыздардын атынан кепилдикке өтүшүн суранышат. Ал коомд ук иштер менен дайыма алектенет… Элдик майрамдын убагында ага таазим кылыш үчүн келген кыргыздардын калың тобуна, үч күнү катары менен мал союп, күн сайын тамактандырып турганын өз көзүм менен көрдүм. Элдик оюндар жүрүп жатканда атаандаштыкта айырмаланган кыргыздарга кагаз акчаны чачып, андан кийин дүрбөп турган элге күмүш тыйынд ы уучтап себелеп, балача каткырган Шабдан баатырды да көрдүм… бир курдай ал, бал челектеги аарыларга да эч нерсе калтырбастан жаңы тартылган 18 пуд бал менен кыргыздарды тойгузган… Өзүнүн акыркы минген атын да кедейге берип жиберет».
Токмоктогу орус-тузем мектебинин мугалими В.П.Ровнягиндин сөзү боюнча: «Баатырдын ар бир күнү иштиктүү өткөн. Анын үйүнө алыскы жана жакынкы жерлерден жүздөгөн кыргыздар иштери жана ой-максаттары менен келишкен. Адат боюнча эки тараптын чыр-чатагын териштирген сот катары, Шабдан баатыр кадыр-баркы менен эле үй-бүлөлүк жана турмуштук ыйкы-тыйкы мамилелерди чечип койгон. Баатыр кыргыздардын өз доорундагы коомдук аң-сезиминин бийлөөчүсү болгон. Ал тынчтыктын үрөнүн сээп, каршылаштардын көңүлүн жубатып, жапа чеккендерге кол сунган. Кезигишүүгө келген жүздөгөн кыргыздар, баатырдын колунан оокаттанышкан. Баа тырдын эмгегине арзырлык тартууларды алып да, ташып да келишкен. Жылкы, кой түрүндөгү жана башка тартуулардын бардыгы кайрадан элге кеткен. Баатырда, кимдир бирөөлөргө бир нерседен баш тартуу эч убакта болгон эмес жана бир да кыргыз же кыргыздардын чөйрөсү баатырдан эч нерсесин аяшкан эмес».
Шабдан уезддин начальнигинин расмий эмес жардамчысы гана болбостон иш жүзүндө чукул чакырылган курултайлардын жана териштирүүчү соттордун бүтүндөй маселелерин көзөмөлдөгөнүн көрөбүз. Бул тууралуу ХIХ кылымдын 70-жылдарындагы архивдик документтин төмөндөгүдөй саптары көрүнүктүү далил боло алат. «Пишпек уездиндеги кара кыргыздардын болуштуктарында, элдин үстүнөн бийликти уруулук эки манап – солтолордон Чолпонкул (Тынаалы уулу) жана сарбагыштардан Шабдан баатыр басып алган, алардын колунда бардык административдик жана сот бийлиги топтолгон: элдик соттор чукул чакырылган курултайларда аталган башкы манаптардын көрсөтмөсү менен гана иш бүтүрө алышат». Жана дагы Пишпек уездинин начальнигинин сөзү боюнча, «анын көзүнчө (б.а., Шабдан катышып турганда) болуштук башкаруу кызматы жана мыйзамдуу соттор тийиштүү даражадагы мааниге ээ болбой калат». Аны менен бирге мили циянын аскердик старшинасы Шабдан Жантаевдин кызматтык маалымат баракчасында жазылгандай, ал «даана аскердик кызматта турган эмес…, жергиликтүү бийликте да жана орус колониялдык администрациясында да эч кандай кызматты ээлебеген». Мунун өзү, Мекенге жан-дили менен кызмат өтөөнүн накт а үлгүсү эмеспи! Мамлекеттик башкаруудагы сейрек учуроочу мындай кубулуш, ар бир атуул чиновниктик орундугу жок туруп эле коом үчүн пайда келтирип, элдин тарыхында жаркын элес калтырышка мүмкүн боло тургандыгын айгинелейт.
Шабдандын саясий таасири кыргыздарга эле эмес, Түркстандагы орус администрациясынын ортоңку жана жогорку чөйрөлөрүндө да өтүмдүү болгон. Бул тууралуу Жети-Суу областынын Согуш губернаторуна жеп-ичкендери жана кызмат орунундагы татыксыз жүрүш-туруштары үчүн, Шабдандын сунушу менен 1890-жылы Пишпек уездинин администратордук кызматынан четтетилген аскердик старшина Набутунун жана 1911-жылы Сарбагыш болуштугунун жөндөмсүз башкаруучусу М.Алпысбаевдин иштеринен алынышы далил боло алат.
Өзүнүн мекендештерин калкалагандыгы үчүн Шабдан баатырды, «манаптарга тынымсыз күрөш жүргүз үүнү» негизги милдетим деген А.Талызиндин аракети менен жалган кине коюлуп 200 сомго айыпка да тартышкан. Жергиликтүү колониялдык администрациянын өкүлдөрүнүн мындай басынтуу саясаты ХХ кылымдын башында түрү суук мүнөзгө ээ боло баштады. 1911-жылы ноябрь айында киши өлтүрдү деген жалган күнөө менен Шабдандын уулу, Сарбагыш болуштугунун мурунку башкаруучусу Мөкүш Шабданов түрмөгө олтургузулду. Көп узабай анын бир тууганы, ошол болуштукту башкарып турган Исамидинди кызматынан бошотушту. Замандаштарынын айткандарына караганда Шабдан уулунун камакка алынышын оор кабыл алып, кайгы тарткан. Дал ушул жагдай эркиндикти сүйгөн баатырдын 1912-жылы 6-апрелде, (ал окуядан беш ай өтпөй) дүйнөдөн мүрт кайтышына себеп болсо керек.
Акыркы жылдарда табылган документалдык булактар, Кыргызстандын түштүк бөлүгүнүн Россия империясынын карамагына кошулушунда, Шабдан баатырдын өмүр жолунун талаш маселелеринен болгон, маселеге карата анын көз карашы жана ролу жөнүндөгү жаңы маалыматтарды ачууда. Бул жерде Шабдандын атаандашы Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин, 1896-жылдын 18-мартында өзүнүн жетекчилерине жазган рапортундагы сөзү боюнча баатырдын турмуштагы негизги көксөгөнү мага ал нечен ирет билдирген сүйүктүү теориясы: «Кыргыздар бир уюктагы аарылардай биригишип жашашы керек» – деп жазат. Бул ой саясий ишкердүү лүктүн башталышынан тартып өмүр бою Шабдан баатырдын көкүрөгүндө болду. 1860-жылдын октябрында Узунагачтагы жана Кашкелеңдеги түркстандыктарга каршы, орус күчтөрүнүн ири аскердик компаниясынын катышуучусу катары жана бүлүнгөн Орто Азия хандыктарындагы саясий кырдаалы менен кабары бар Шабдан баатыр, түптүү Россия империясында чөлкөмдүн бириктирилиши кайтарылгыс процесс экендигин эрте түшүнүп, бүт күч-кубатын мекендештерин жаңы турмуш шартына зыянга учуратпастан өткөрүүнүн аракетин жасады.
1873-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлектин калкы Кокондун ханы Кудаярдын кол салууларына каршы туруп, алардын шаарларына соода иштери менен барган коңшу кыргыздарга карата алым чогултууларынын көбөйүшүнө нааразылык билдиришти. Кыргызстандын түндүгүндөгү өзүлөрүнүн уруулаштары, он жылдан бери Россия империясынын карамагында тургандыгы жөнүндө жакшы кабары бар түштүктүктөр, али чыныгы жүзүн көрсөтө элек орус бийликтеринен пайда издешти. Анткени белгилүү болгондой, Россия империясына жаңыдан кошулган аймактар, алгачкы 5–10 жылдын ичинде администрациясынын пайдасына төлөнүүчү налогдордон бошотулушуп, барымтадан келип чыккан өз ара майда чекишүүлөр да токтоп, демократиялык принциптерге негизделген жергиликтүү бийликке шайлоолор киргизилип, орустардын өндүрүшүндөгү товарлардын алынып келиши күч алган.
Албетте, мунун баары түштүктөгү кыргыздарга таасир берип 1873-жылы алар Токмок уездинин орус администра циясы менен достук мамилелерди орнотууда, Шабдан баатырдын ортомчу болуп беришин сурап Кулакмат жана Камбар Саркер аттуу адамдарын жөнөтүшкөн. Бул иш жүзүндө түштүктөгү кыргыздардын түндүктөгү боордошторуна кошулууга жасаган аракеттери эле. Айткандай эле, 1873-жылдын ноябрында лейлектиктердин Кожент уездинин начальнигине жазган катында алардын умтулуулары адеп Токмок уездинин начальниги тарабынан колдоого алынды. Алардын кокондуктарга каршы туруусун натыйжалуу уюштуруп кеңеш берүү максатында Шабдан баатыр жөнөтүлгөн. Бирок тилекке каршы, Шабдан баатырдын миссиясына генерал-губернатордун деңгээлинде бөгөт тосулган. Бул тууралуу Түркстан генерал-губернаторунун кызматынын милдетин аткар уучу Г.А. Колпаковскийдин өзүнүн начальниктерине жиберген рапортунда ачык эле көрүнөт: «… түштүктүктөрдүн эл өкүлдөрүнүн маалыматын текшерип, алардын Шабдан Жантаев аркылуу токмоктук кыргыздар менен байланышууга жасаган аракеттерин текшерип, эгер бул адилеттүү болуп чыкса, аларды тез арада токтотуу керек…»
Жагымдуу кырдаал колдон чыгып эки жыл өткөн соң, 1875-жылы абал ого бетер кыйындап, академик Б.Жамгырчиновдун маалыматтары боюнча, «Жети-Суу обулусунун аскер губернатору манап Шабдан Жантаевдин көтөрүлүшчү лөрдүн лагеринен Полотту (каршылык көрсөтүүнүн жетекчиси молдо Исхак Асан уулун) кармап келүүнү уюштуруш үчүн жөнөткөнгө аракет кылышты, бирок мындай иш ылайыксыз боло тургандыгын токмоктук кыргыздар жетекчиликке алдын-ала билдиришкен». Ошондой болсо да Шабдан баатыр өзүнүн жигиттери менен 1875-жылы октябрь айында барон Штакельберг жетектеген орус аскер күчтөрүнүн Түштүк Кыр гызстандагы Сузак, Ботокара жана Избаскен шаарларына жакын жердеги Полот хандын чыгууларына каршы уюштурулган жүрүшүнө катышкан. Жүрүштүн маалындагы анын аракеттери орус генералитети тарабынан жакшы бааланса да, анткени бул кызматы үчүн ал «кара кыргыздардан биринчилерден болуп 4-даражадагы аскердик белги, андан соң Коконду караткандыгы үчүн күмүш эстелик медалы менен сыйланган» эле, би рок Шабдан 1875-жылдын 27-октябрында жүрүштүн аякташын күтпөстөн Кауфмандан суранып үйүнө кайткан».
Кыргызстандын түштүгүндө Шабдан баатырдын жана анын жигиттеринин аракети сыягы мүмкүн болгон сыпайкерчилик чектен чыккан эмес жана алардын негизги максаты, элди бекер кан төгүүдөн сактап калуунун багытында болгон. Шабдандын мындай аракети 1876-жылы Фергана облусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси генералмайор М.Д.Скобелевдин Алайга жасаган жүрү шүндө даана көрүндү. Шабдандын айтканы боюнча бул жүрүшкө аны Скобелев чакырган, ал эми генерал-майордун 1876-жылдын 26-октябрындагы рапортунда: «…Токмоктон эр жүрөк жана татыктуу Шабдан 25 жигитин ээрчитип өз эрки менен келип кызматын сунуш кылды, өзүнө тиешелүү олжодон баш тартып, талоончулук үчүн эмес, кызмат кылганы келгендигин билдирди…» –деп айтылат. Орустун дагы бир ыкчам отрядынын начальниги полковник Витгенштейндин 1876-жылдын 7-сентябрында М.Д.Скобелевге жазган катында, «Шабдандын жигиттери жана өзү бул иште өтө пайдасы тийди» – деп айтылат.
Жүрүштөгү Шабдандын жана анын бир тууганы Байбосундун билгичтигинен гана карама-каршы тараптардын ортосунда түзүлгөн кырдаалды дипломаттык негизинде чечүүгө мүмкүн болду. Окурманга түшүнүктүү болушу үчүн алайлык кыргыздардын башчысы Абдуллабек Алымбек уулунун 1876-жылдын 27-июлундагы али коомчулукка жакшы маалым болбогон катын толук келтиребиз: «Улуу даражалуу Скобелевге! Сиздин убактылуу жарашуу жөнүндөгү катыңызды алдык. Ушуга чей ин Алланын жана анын пайгамбарынын жардамы менен элди чогултуп каршылык көрсөттүк, анткени сиз мойнуңузга алган милдеттемени бузуп жатасыз. Мисалы, Кокон хандыгын башкарууну бийлиги чектелген Насреддинге тапшырдыңыз, анан кайрадан аны тартып алып, өзүн Сибирге айдаттыңыз. Анан дагы, Сиз, генерал Скобелев, элде кадыр-барктуу Абдрахман афтобачи менен келишим түзүп, Коконго калтырууга убада бердиңиз, бирок сөзүңүздү бузуп аны жана биздин бир канча бийлерди Сибирге айдаттыңыз, мунун баары Сизге карата ишенбөөчүлүктү пайда кылды жана Сизден чочулаганыбыздан каршылык көрсөтүп тоого кетүүгө аргасыз болдук. Сиз өзүңүздүн курал-жарагыңыздын санына ишенүүдөсүз. Бизде курал жок, Алланын гана эркине ише небиз.
Эгер Сиз өзүңүздүн убадаңызды аткарсаңыз, биз мындай жосунга барбайт элек. Биз азырынча тирүү болгондон кийин өзүбүздү жана ар-намысыбызды коргогубуз келет. Биз көчмөнбүз, бирок бизге да оокат-мүлк, байлык, башка турмуштук жыргалчылыктар да керек.
Сиз Токмоктон тартып кыргыздарды, кыпчактарды, сарт тарды караттыңыз, убадаларды бердиңиз, бирок Коконду алгандан кийин бардыгы өзгөрүлдү. Эгер сиз убадаңызды өзгөртпөгөндө мындай көтөрүлүш болмок эмес. Эгер Сиз чынында эле тынчтыкты кааласаңыз жана өзүңүздүн убадаңызга тура аламын десеңиз, анда Шабдан баатырга тапшырма бериңиз, биз дагы ага ишенимди билдиребиз. Биздин маселелердин бардыгын Шабдан баатыр чечсин. Бардыгы Сиздин эркиңизде, бирок Сиз Шабданды Ош уездине калтырсаңыз, балким, ошондо Сиз биздин ортобузда тартип орното аласыз».
Бирок тилекке каршы, «Абдуллабек колго түшүүгө ниеттенип жатканда, башка козголоңчулар буга макул болбостон жана жаңы жаңжалдашуудан кийин, бардыгы Кызылартты карай чегинип, Шабдандын тууганын эки жигити менен кармап кетишти». Көп узабай Байбосун жолдоштору менен бошотулду. Кыргыз уламыштарында жүрүштүн маалында Шабдан баатыр Абдуллабектин энеси, белгилүү «Алай ханышасы» Курманжан датканын жана генерал М.Д.Скобелевдин ортосунда ортомчулук милдетти жемиштүү ишке ашыргандыгы баяндалат. Мына ошондо Шабдан баатыр өзү, генерал Скобелевден өлүм жазасына тартылган, Намангандан 35 молдо, эшен жана кадырлуу адамдарга мунапыс берүүсүн сурап, өмүрүн сактап калган. Шабдандын өмүр жолу жөнүндөгү биринчи чыгарманын автору Осмонаалы Сыдыковдун маалыматы боюнча ал ар кандай кылмыштары үчүн камалган 73 мекендешинин сот жоопкерчиликтеринен бошонушуна жардам берген.
Акыркы жылдарда дагы Шабдан баатыр Кыргызстандын түштүгүндөгү жашоочулар менен жылуу мамиледе калды. Бул тууралуу Жети-Суу облусунун талаа генерал-губернаторуна 1882-жылдан 1885-жылдардын аралыгында Тогуз-Торо болуштугунун молдосу Мамырбай Кубатбековду абактан бошотуу жөнүндөгү Шабдандын жана Соо ронбай Кудаяровдун жиберген өтүнүчтөрү ачык күбө боло алат.
Түркстандын мусулман калктарынын ичинен эң көп өкмөттүк сыйлык алган сыягы Шабдан баатыр гана болсо керек. Анын сыйлыктарына көңүл бурсак: 1-даражадагы ардактуу беш чепкен, 2-разряддагы бир чапан, Станислав жана Анна лентасында моюнга тагылып жүрүүчү эки алтын медаль жана төмөндөгү төрт медаль: а) Кокон хандыгын караткандыгынын эстелиги; б) 1853–1895-жылдары Орто Азияга жасалган бардык жүрүштөрдүн жана экспедициялардын эстелиги; в) Александр IIIнүн ыйык таажы кийишинин эстелиги; г) Император Александр IIIтүн бийлигинин салтанатынын эстелиги; Кызыл крест коомунун белгиси; 4-даражадагы аскердик Георгиев ордени белгиси; Жогортон сыйлык кылып берилген чынжырлуу алтын саат. Шабдан баатыр Жети-Суу облусунун элдеринин өкүлдөрүнүн арасында 1883-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн Александр IIIнүн таажы кийүү үлпөтүнө катышып, аскердик старшина (майор) чинин алган.
Ошондой болсо дагы Россия империясынын бийлигинин Түркстанда орун-очок алышына көп күч аракетин жумшаган Шабдан баатыр ал өлкөнүн татыктуу атуулдук ордун ала албады. 1899-жылы Николай IIге, уулдары менен дворяндык сөөлөттү сураган кайрылуусу ошо боюнча жоопсуз калды. Бир канча ирет 400 жер тилкесин менчикке калтыруу жөнүндөгү 1898-жылдан бери кайрылуусу, өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде – 24-октябрь 1910-жылы гана чалазаар канааттандырылды. Падышанын резолюциясы: «Арыз ээсинин өмүрүнүн аягына чейин уруксат этилсин» – деп коюлган экен.
1904-жылы Шабдан баатыр ыйык Кабаага сыйынууга барып, Түркиянын улуу султаны Абдулхамиддин буйругу боюнча Сириядагы Шам шаарынан Мекке жана Мединага карай мусулмандардын хаджга барышын жеңилдетиш үчүн салынып жаткан темир жолго 2000 рубль (алтын тыйын түрүндө) салым киргизип, Абдулхамиддин алтын медалына жана жарнемесине татыган. Мындан кийин да даңазалуу баатыр өзүнүн Түркстандык мусулман мекендештеринин чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарга да активдүү колдоо көрсөтө баштады. Бул тууралуу ЖетиСуунун мусулман калкынын атынан түзүлүп, 1905-жылы министрлер кабинетине жөнөтүлгөн 11 пункттан турган жолдомо-кайрылуу да (петиция) мисал болот. Кайрылууда Жети-Суу крайындагы мусулман калкын башкарууда бийликтин укуктук турмуштагы мүчүлүштөр айгинеленген. Бул жердеги мусулман меджелисин (собрания) уюштуруп, анын карамагына жергиликтүү калктын башкаруусунан тартып сот, мыйзам чыгаруу ишине чейин ыйгарууну талап кылышкан. Мындан тышкары мусулман калкына мечит, медресе, мектептерди ачып, өз тилинде газета, журнал жана китептерди чыгаруу укугуна ээ болуп, гим назияда (орус тилдүү окуу жайларда) окуган мусулман окуучуларга христиан диний таалимдин ордуна мусулман таалимин окуу укугун берүүнү, ошондой эле кыргыз, казак калкынын өкүлдөрүн өлкөдөгү жогорку мыйзамдарды чыгаруу ишине катыштыруу менен бирдикте жерге, жеке менчикке ээлик кылууда жана кызмат адистигине ээ болууда тең укуктун сакталышын талап кылышкан.
ХХ кылымдын башында эле Шабдан баатыр Токмокко мечит, андан кийин Чоң-Кеминге мечит-медресе салдырган. Биринчисине баатыр өз жанынан 10 миң сом, экинчисине 15 миң сом жумшаган. Чоң-Кеминдеги медреседе ошол мезгилдеги алдыңкы ыкма менен 300 кыргыз баласы окуган. Ал эми Шабдандын Намангандан жана Токмоктон билим алган баласы Исамидин 1909-жылы жаңы ыкмадагы «Шабдания» мектебин ачып өзү сабак берген, анда 150 бала окуткан. Мектепте Оренбургдан, Казандан, Ташкенттен жана Бухарадан бүтүп келген мыкты адистер эмгектенишкен. Баатыр аларга жылына 500дөн 1000 сомго чейинки жогорку эмгек акы төлөп берип, үй, турмуш-тиричилигинин жайгашуусун өз мойнуна алган. Эгерде ошол мезгилде бир кой 1 сом, ал эми аттын баасы беш сомго чейин жетип турганын эске алсак, Шабдан баатырдан мугалимдерге берген маянасынын өлчөмүн жакшы бааласак болот, демек, муну менен ал элинин келечеги болгон жаштарга көргөн аталык камкордугуна, көсөмдүгүнө баа бере алабыз.
Шабдан баатырдын турмушундагы, өзгөчө өмүрүнүн акыркы 10–20 жылдагы аралыгындагы саясий көз карашындагы мындай өзгөрүүлөр жергиликтүү колониалдык бийликтердин тынчын ала баштаганын байкайбыз. Буга анын үстүнөн 1886–1888-жылдардан баштап тымызын байкоолор жүргүзүлүп турганы белгилүү. Ал эми ХХ кылымдын башында бул жагдай өтө курчуп, Шабданды жана анын тегерегиндегилерге ачык эле кысым көрс өтүп, өгөйлөй башташкан эле. Ушундай жана башка орчундуу себептердин (өзгөчө жергиликтүү калктын айдоо жерлерин тартып алуунун) негизинде Кыргызстанда чет элдик колониализмге каршы улуттук-боштондук кыймыл жанданган жана ал 1916-жылкы кандуу көтөрүлүш менен аяктаганын жакшы билебиз. Анын жүрүшүндө Шабдандын балдары мыйзамдуу түрдө жетекчилердин катарында болушуп, ал эми даңктуу баатырдын ысымы ошондогу кыргыз улутунун патриоттук духунун нукура бийик кыймылынын туусу катары иш өтөдү.
Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ
ИСХАК МОЛДО (ПОЛОТ ХАН)
Тарыхта Полот хан аталган кыргыздын чыгаан уулу Исхак Молдо Асан Молдо уулу 1844-жылы төрөлүп, 1876жылы 1-мартта кырчындай жаш курагында, өз элинин эркиндиги үчүн күрөштө өмүрү кыйылган. Жалпы эл тарабынан эки жолу хан көтөрүлүп, Кокондон Кудаяр ханды жана анын мураскор уулу Насреддинбекти кууп чыгып, андан соң Орусия империя сынын баскынчыл жүрүштөрүнө каршы зор эрдик менен согушкан Исхактын өмүр таржымалы ары кызыктуу, ары сыймыктуу.
Анын балалык чагы Кокон хандыгынын коомдук-саясый турмушунда кыргыздардын таасири күчөп, ордодогу негизги бийлик орундарын ээлеп турган учурга туш келет. Бул тууралуу белгилүү окумуштуу, профессор Кушбек Үсөнбаев агайыбыз да: «XIX кылымдын 40-жылдарынан баштап, Кокон хандыгы кулаганга, же болбосо 70-жылдарга чейин хандыктагы негизги кызмат орундарын кыргыз, кыпчак ири феодалдарынын өкүлдөрү ээлешкен» – деп жазат. XIX кылымдын 2-жарымында жазылган Молдо Нияз Кокондинин «Тарых-и Шахрухи» жана башка көптөгөн жазма булактардан: «…кыргыздар кол курашып, зордук-зомбулугу ашынган ханды тактыдан кулатышып, ордуна өзүлөрүнө жаккан мураскорду коюп алышчу» деген маалыматтарды учуратууга болот. Ал эми 1864жылы казак бийи Турдай Ногай Верныйдын приставына: «Коконду кара кыргыздар, кыпчактар жана адыгенелер башкарышат, өзбектер тынчып эле калышты» – деп бил дирген. Ал эми 1872 -жылы «Түркестан ские ведомости» гезити: «… качан орустар Орто Азияны көздөй тереңдеп жыла баштаганда, Кокондо кыргыздар үстөмдүк кылып турушкан» – деп баяндайт. Мына ушундай хандыкта кыргыздардын зоболосу көтөрүлүп турган учурга Исхак Молдонун балалык чагы туура келген.
Төңкөрүшкө чейин эле эл арасында Исхак Молдонун ысмы сыймыктануу менен айтылып, анын кадыр-баркы өтө жогору экенине күбө болгон Н. Корытов аттуу падышалык чиновник, анын өмүр таржымалына кызыгып, атайын иликтеп чыккан. Ал кызматынын шылтоосу менен атайын Маргалаң үйөзүнүн Жоокесек болуштугунун Охна кыштагына барып, Исхактын туугандарынан, айыл аксакалдарынан сурамжылап, ал тууралуу макала жазган. Анысы 1903-жылы «Самозванец Пулат хан» деген темада жарык көргөн.
Атайын иликтөөлөргө таянсак, Исхак азыркы Кадамжай районуна караштуу Охна кыштагында кыргыздын Бостон уруусунан тараган Асан Молдонун үйүндө төрөлгөн. Аты айтып тургандай, атасы Молдо атыккан өз мезгилинин билимдүү адамы болгон. Асан Молдонун атагы алыска таркап, аны Кокондогу Тумкатар (Түнкатар – К.М.) медресесине мударистикке чакырат.
Ал учурдун таанымал акыны Молдо Нияз, илим-билимдүүлүгү жагынан хандыктагы уламалардын арасында зор абройго ээ Зиявуддин Максым да Кокон шаарында көп боло турган. Мударисттик кылып жүргөн Асан Молдо уулу Исхакты өзү менен кошо ала жүрүп, сабатын ачып, анын илим-билимдүү болушу үчүн кам көрүп, медресеге окуткан. Кийин Асан Молдо Маргылаңдагы Ак медресеге которулганда Исхак да кошо келип, окуусун улантат. Табигатынан зээндүү, тирикараак Исхактын көз алдында ордо жаңжалдары, Мусулманкул баш болгон 20 миңдей кыпчактын кырылганы, тоодон ордону көздөй селдей каптаган кыргыздардын жүрүштөрү, хан алмаштыруулары өтөт. Кыргыздардын эрдиктери аны ар дайым шыктандырып, ой-чабытын өстүргөн. Ал атасы каалагандай мударис болгусу келбейт. Ошондуктан бой жеткенде өз айылына баса берген. Бирок тынчы жок Исхак айылында да көп турбай, ар кайсыл жерлерде жашап, 1867-жылы Сохтун жака белинде жашаган кыргыздарга келип байырлайт. Ал жерде да болгону 3–4 жыл туруп, 25 жаш курагында киндик каны тамган Охна кыштагына келип, мечитке имам болот. Андан Анжыянга которулуп, шаардагы мечитке имамдык кылат. Ал учурда хандыкта абал оорлоп, жашоо кыйындаган мезгил эле. Айласы кеткенде Исхак, бош убагында насыбай сатып, жанын багууга аргасыз болот. Бирок турмушу оңолуп кетпейт. Жалпы эл башынан өткөргөн оор турмушту ал да өткөрөт. Анткени Кудаяр хандын алык-салыгынын түрлөрү, өлчөмү күндөн-күнгө көбөйө берген. Жашоодон кыйналган Исхак Орусияга карап калган Ташкентте жашоо жеңил деген сөзгө азгырылып, насыбайын көтөрүп, Ташкентке келет. Ал жерден Исхак атасынын эски таанышы Абдымомунду таап, аны тууган тутуп, үйүндө туруп калат. Алымкул аталыктын заманында зор урмат-сыйга бөлөнүп жүрчү Абдымомун да бөлөк жерде, бөтөн элде Исхакты жакын санап, көп сырларын айтып, аны өз таасиринде тарбиялай баштайт.
Бул учурда ордодо саясий оюндар күчөп, Кудаяр хандын айланасынан кыргыз, кыпчак төбөлдөрү четтетилип, Фергана өрөөнүндөгү отурукташкан элдин бийлик күлдөрү ээлейт. Энеси Жаркын айым, эжеси Айжан айымдын (Нарчучук айым) көзү өткөн соң, Кудаяр хан менен кыргыздардын ортосундагы мамиле солгундап, ал барабара тирешүү менен коштолуп турган. Соңку жылдарда ар дайым бийликке аралашып келген Аксы, Анжыян, Өзгөн, Алай, Лейлек кыргыздары ордодо өз таасирлерин кайрадан калыбына келтирүү үчүн тымызын аракеттене баштаган. Ордодогу баш увазирлик кызматта турган Алымбек датканын, аскер башы, аталык болуп хандыкты каалагандай башкарып келген Алымкулдун орду, кыргыз, кыпчак элинин үлүшүнө бөлүнгөн миңбашылык орундун орду жоктолуп, кыргыздардын арасында нааразычылыктын жаңы толкуну башталган.
Элдин нааразычылыгынын күчөшүнүн дагы бир башкы себеби экономикалык жагдайга барып такалган. Антке ни, XIX кылымдын 50–60-жылдарында хандыктын зор аймагын Орусия империясы басып алып, ал жерден хан казынасына салык түшпөй калган. Хандын бөксөргөн казынасын толтуруу үчүн ар кандай айла амалдар колдонулуп, жерлер сатылган, базарлар ээленген, колунда зор байлыгы бар бардар адамдардын байлыгы күч менен тартылып алынып, каяша айткандар камакка алынып, аёосуз жазаланган. Хандын жеке баюусуна кеңеш берип, алык-салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап, ээсинин көзү менен тең айланган айлакерлердин доораны жүргөн. Мурда катардагы катчылык милдетти аткарып келген Иса аттуу тажик, салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап, Кудаяр хандын жеке кызыкчылыгы үчүн шарияттан жол таап берип турганы үчүн Иса Олуя аталып, хандын эң жакын кишисине айланган. Ал ондон ашуун салыктын түрүн ойлоп тапкан. Ал ханга сунуш кылган салыктардын арасында эч бир адеп-ахлакка туура келбеген салыктын түрлөрү кездешкен. Анда алардын бирин алып көрөлү. Иса олуя ордодогу бир чоң жыйында, эркектер үйүндө өз аялы менен жумасына эки гана жолу кошулушсун, эгер андан көп кошулса, ал эркек ханга салык төлөөгө тийиш, – деп сунуш киргизет. Салыктын бул түрүн киргизүүгө чындап эле аракеттер жасалганын ошол кезде орусиялык басылмалар да жазып чыгышкан. (Новая время, 1882). Мындай салыкты киргизүү адамзаттын тарыхында эч болгон эмес. Ал жалгыз гана Кокон хандыгында болгон. Мындан сырткары жол оңдоо, сугат каналдарын казуу, тазалоо, ар кандай курулуш иштерине калк бекер иштеп берүүгө милдеттүү болгон. Эгерде мындай иштерден баш тартк ан адам күч менен казылып жаткан арыктарга тирүүлөй көмүлүп, оор жазага кириптер болуп турган. Жашоодогу бардык нерселерден салык жыйналарына күбө болгон падышалык чиновник А.Л. Кун: «Дем алгандыгы үчүн жалгыз абадан гана салык жыйналбаса, калгандын бардыгына салык салынат экен» – деп жазат. Ал эми салык жыйноо учурунда хандын салыкчылары элди өзгөчө кыйноого алып турган.
Кудаяр хандын өз элине жасаган зордук-зомбулугу 1868-жылы Оруссия империясы сунуш кылган келишимге кол коюп, хандык империянын вассалына айлангандан кийин өзгөчө күч алган. Башта өз элинен куулган Кудаяр хан Бухарага барып баш калкалап, эмирге таянып иш кылса, эми Ташкенттеги Түркстан генерал-губернатору фон Кауфманга таянып, карамагындагы элди кыйноого ала баштаган. Кудаяр хандын Орусия империясына жакындашуусу, хандыктагы ислам динин катуу карманган элдин нааразычылыгын ого бетер күчөткөн. Мындай абалдан чыгуу үчүн 1871-жылдан тартып хандыктын ар кайсыл аймактарында элдик толкундоолор башталган. Ал эми 1873-жылдын жаз айларынан баштап, ал жалпы элдик боштондук күрөшкө айланган.
Алгачкы элдик толкундоолор хандын зекетчилерине каршы, аларды өлтүрүү, жыйналган салыктарды тартып алуу менен гана чектелген. Хан тарабынан жиберилген жазалоочу кошуун ар кайсыл жерден чыккан элдик толкундоолорду басып, жеңишке ээ болуп турган. Бирок 1873-жылы Базар-Коргондо Мамыр Мерген уулу жетекчилик кылган кыргыздардын каршылыгынан хандын алгачкы жиберген жазалоочу аскери жеңилүүгө учураган. Мамыр баатыр баштаган кыргыздар хандын салык жыйнаган саркерлерин өлтүрүп, Жалал-Абад менен Ханабатка жүрүшкө чыгышат. Аларга каршы Кудаяр хан өзү баш болуп Анжыянга чейин келип, хандыктын тандалма аскерин жиберип жатып зорго токтотушат. Мамыр Мерген уулу тоо тарапты көздөй убактылуу чегинүүгө аргасыз болот. Аны туткундоо үчүн Кудаяр хан бир тууган иниси, Маргылаңдын беги Султанмуратты баш кылып, атайын аскерин жөнөтөт. Бирок алар да Мамыр Мергенди туткундай алышпай, учураган кыргыз айылдарды талаптоноо, жазалоо менен алектенишет. Көпчүлүк кыргыз бийлери мындай жазалоодон элин сактап калууну көздөп, айылдары менен Сары өзөн Чүй бооруна көчүп кетишет. 1873-жылы 5-ноябрда Кудаяр хандын Жети-Суу облусунун губернаторуна жазган өтүнүч катында Чүйгө качып өткөн 800 түтүндөн ашуун элдин уруулары, бийлеринин аты-жөнү көргөзүлгөн. Алар: 1-баймундуз уруусунун бийлери Осмон бий, Жолборс бий, Шамырза уулу Бердигул бий, 2 – осрак уругунан Рахмат бий, Бала бий, Эсенбай уулу, 3 – баглан уругунан Сейид бий, Сарык Күчүк бий, 4 – керки тамгадан Молдо Халиф бий (Молдо Калбек – К.М.), Мутун бий, 5 – кошчу (Кушчу – К.М) уругунан Биймырза бий, 6 – каман уругунан Жусуп бий Абдулла уулу, 7 – кыргыз-кыпчак уругунан Мусулманкул бий менен Алымкул бий, 8 – карабагыш уругунан Молдо Эсенбай бий менен Апан байдын эли. Мындан сырткары мундуз, кушчу, базыс жана адыгене уруусунан да көпчүлүк эл Токмок үйөзүнүн жерине көчүп кеткени маалым.
Мамыр Мерген уулу ошол эле жылы Өзгөндө ири көтөрүлүштү жетектеп, аны Шахрихандын беги Иса олуя менен Калназар түрк башчылык кылган хандын жазалоочу аскери араң баскан. Мамыр Мерген уулу 1874-жылы да ири боштондук күрөшкө жетекчилик кылып, 15-июлда Нарын аскер начальниги тарабынан жиберилген 50 казак орустун жана 20 жөө солдаттын курчоосунда калып туткундалган. Ал андан Токмок үйөзүнүн начальнигинин карамагына, андан ары Лепсин үйөзүнө айдалып, ал жерде 1876-жылга чейин камакта жаткан.
1874-жылдын эрте жазынан тарта Кудаяр ханды тактыдан кулатуу максатында хандыкта кайрадан күрөш башталат. Бул жылы элдик кыймыл алгач тоолуктардын арасында эмес, чөлдүктөрдүн арасында март айында башталып, ага хандын тууганы Батырхан төрө жетекчилик кылат. Алар Кудаяр ханды бийликтен четтетип, анын экинчи баласы Мухамед Аминди такка отургузууну көздөшкөн. Бирок чөлдүктөрдүн мындай жашыруун аракети ханга алдын ала билинип калып, Кудаяр өз баласын камакка алдыртып, Батырхан төрөнү 15 адамы менен өлүм жазасына тарттырат. Бул окуядан көп өтпөй лейлектик кыргыздар Кожент үй өзүндө жашап жаткан Кудаяр хандын алыс туугандарынын бири Абдукеримбекти чакырышып, аны такка отургузмак болушат. Кыргыздардын мындай аракеттерине орус бийлиги бөгөт коюп, ортодогу келишимге ылайык Кудаяр ханга жардам көргөзүп, Абдукеримбекти кармап, Ташкентке алдыртып, үй камагына алышат. Эл экинчи мураскорунан да кол жууйт. Падышалык төбөлдөрдөн ушундай колдоо алган Кудаяр хан 1873жылы Токмок үйөзүнө качып өтүшкөн кыргыз урууларын, кийинки жылы жаз айында өз жерине зордук менен көчүрттүргөнгө жетишет. Алар кайтып келе жаткан учурда Кудаяр хан Акматбек Баатыр башыны 2 миң жазалоочу сарбаздары менен жөнөтүп, Масы жайлоосунда аларды катуу талоонго алдыртат. Бир нече адамдары өлүп, туткунга алынып, талоонго кабылган кыргыздар кайрадан Токмок үйөзүнө качып өтүүгө аргасыз болушат. Май айындагы хандын мындай жосунсуз жоругу кыргыздардын кыжырын ого бетер күчөткөн. Натыйжада, ар кайсыл учурда хандарды тактыдан кууп, өздөрү каалаган мураскорду хан көтөрүп келген кыргыздар, Кудаяр ханды биротоло бийликтен четтетүү үчүн чечкиндүү аракетке өтүшөт. Анын үстүнө буга чейин Кудаяр ханды үч жолу тактыдан кууган кыргыздар үчүн, аны төртүнчү жолу кулатуу көнүмүш адат катары эле. Ага караганда кыргыздар үчүн кимди хан көтөрүү, алда канча олуттуу маселе болгон. Ошентип, кайрадан жаңы мураскор издөө башталат. Хорезмдеги Мадали хандын баласы Музаффардан оң жооп болбогон соң, көпчүлүктүн көңүлү Алим хандын баласы Ибрагимбектин Самарканддагы уулу Полотбекке бурулат. Чыныгы Полотбек ким болгон?
1843-жылы Шералы хандан бийлик талашканы үчүн Алим хандын баласы Ибрагимбек туткундалып, өлүм жазасына тартылганда анын уулу Полот бир жашка жаңы толот. Апасы он эки жашар эжеси экөөнү ээрчитип, Самаркандга качып барып баш калкалап туруп калат. Көп өтпөй кызын шаардагы таанымал адам, Ахрар Кожого берет. Апасы өлгөндөн кийин Полотбек эжесинин колунда калып, шаардагы медреселердин биринде тарбия-таалим алат. Үй-бүлө күтөт. Шаардагы мечиттердин биринде имам болуп, тынч турмушун өткөрүп, өз жашоосу менен алек болуп жүргөн кез эле. Ошол Полотбек менен сүйлөшүүгө Мусулманкул (кыргыздын кыпчак уруусунан, жогоруда сөз болгон, 1873-жылы Мамыр Мерген уулу жетектеген көтөрүлүштөн кийин Токмок үйөзүнө көчүп кеткен кыргыз бийлеринин арасында ысмы учурайт – К.М.) менен кутлук-сейит уруусунун бийи Шер датканы Самаркандга жиберишет. Алар Полотбек менен жашыруун жолугушуп, өтүнүчтөрүн билдиргенде, бийлик талашуудан улам башы кесилген атасынын тагдырын эстеп, хан болуудан жаа бою качат. Кыргыз элчилеринин бал тилине эч макул болбойт. Айлалары куруган Мусулманкул менен Шер датка Ташкенттин Курама үйөзүндө жашап жаткан Абдымомунга келишип, аны күрөшкө тартып, макулдатышат. Түркстан генерал-губернатору фон Кауфман Абдымомунду кыргыз деп жазат. Ал Алымкул аталыктын жакын адамдарынан болуп, Ташкенттин алдында Черняевдин армиясынан жеңилгенден кийин Коконго барбай, Курама үйөзүндө туруп калган эле. Элчиликке келген Мусулманкул менен тууганчылык жагы болуп, дайыма байланышып турган. Жайында Чаткал тоолоруна жайлоого чыгып, кыргыздар менен чогуу болгон. Кудаяр ханга каршы күрөшкө аны тартуунун дагы бир жагы, хандыкта бийлик алмашкан соң, кыргыздар Абдымомун аркылуу орус бийлиги менен байланыш түзүп, сүйлөшүү оңой болот деп ойлошкон. Абдымомундун үйүндөгү башкы окуя, анын үйүндө жашап жүргөн кадамжайлык Исхак Молдого кезигип, келечектеги Кокондун жаңы жана акыркы ханы менен макулдашып, бир пикирге келүүсү болгон. Исхак жашы боюнча да, өң-түс жагынан да чыныгы Полотбекке окшоштук жагы бар эле. Алар июнь айынын аягында Абдымомундун үйүндө жашыруун бүтүмгө келишип, Исхакты Полот хан аташып, хандыкты көздөй жол тар тышат.
Алар Ташкенттен келээри менен Чаткалдагы 10 миңге жакын кутлук-сейит, найман, Алабукадагы кытай уруусундагы кыргыздар жана Аксыдагы саруу, багыш уруулары Сафидбуланга жыйналып, Исхак Молдону ак ки йизге отургузуп, хан көтөрүшөт. Исхак ошентип, «Полот хан» деген жаңы тарыхый атка ээ болуп, кыргыздардын ханга каршы кыймылын жетектеп, ордону көздөй жүрүшүн баштайт. Өз мезгилинде Шералыны хан көтөрүшүп, хандыкты талоонго алышкан бухаралыктарды кууп чыгышкан Чаткал, Алабука, Аксы, Намангандык кыргыздар бул сапар 1842-жылы өзүлөрү такка отур гузган хандын уулу Кудаяр ханга каршы күрөшкө чыгышты. Полот хандын айланасында Абдымомун, Мусулманкул сыяктуу кыргыздын белгилүү бийлери баш-көз болуп турушкан.
Июль айынын башында алар Наманган вилайетиндеги Касан менен Нанайдын ортосунда хандын жетекчилерине кол салышат. Аларды тартипке салып, жазалоо үчүн ал жерге жакын жайгашкан Чартак менен Жаңыкоргон чептеринин бектери Мырза Алым менен Гадрай бай жетекчилик кылган 400 сарбазды Сафидбуландын алдында талкалайт. Бул жеңиштен кийин Полот хандын зоболосу эл арасында артып, андан чочулаган Касандын беги Төрөкоргонго өтө качат. Касан шаар ы Полот ханга баш ийип калат. Ал жерден Полот хандын кошууну дагы көбөйүп, Наманганды көздөй жүрүшүн баштайт. Жолдогу айылдардын калкы да жаңы хандын айланасына бириге берген. Көп сандаган Полот хандын кошууну Наманганга 15 чакырым жетпей токтоп, өргүү алышат. Кудаяр хан өзүнө каршы элдик толкун тоолуктарды гана эмес, отурукташкан калкты да кучагына ала баштагандан чочулап, Кокондон Абдырахман аптабачыны, Шарыхандын беги Иса олуяны 7 миң сыпайы, 1000 сарбазы менен Полот ханга каршы жөнөткөн. Алгач алар сүй лөшүү үчүн аракет кылышып, кыргыздардын элчилигин Кудаяр ханга жиберип, көзмөкөз сүйлөшүүгө жана алардын кепилдигин Абдырахман аптабачы өзүнө алат. Июль айынын аягында элчиликке жиберилген Шер датка башында турган 40 кыргыз бийи Кокондо казыкка отургузулуп, кыйноо менен өлтүрүлөт. Бул кабар кыргыздардын кыжырын келтирип, август айынын башында Полот хан Төрөкоргондун алдында Абдырахман аптабачынын кошуунуна каршы аракетке өтөт. Ортодо катуу таймашуу болот. Бирок мыкты куралданган аскерге туруштук бере албай Полот хандын колу жеңилүүгө дуушар болот. Үч жүздөй адам колго түшүп, көп адам курман болот. Алардын арасында Полот хандын эң жакын кеңешчиси Мусулманкул да бар эле. Ал эми Полот хан, Момун баш болгон бир нече кыргыздар Чаткал тоолоруна жашынышат. Көп өтпөй Момун Олуя-Ата үйөзүнүн башчысы тарабынан туткунга алынат. Падышалык тыңчы-саякатчы И.В. Мушкетов Чаткалга келгенде ал жерден Момун орустар тарабынан кармалып, Ташкентке айдалганы менен кыргыздардын арасында толкундоолор улана бергенин күндөлүгүнө түшүргөн. Ошентип, Мусулманкул өлдү, Момун туткунга алынды, күрөшкө аттанган көпчүлүк эл таркап кетишти. Полот хан (Исхак Молдо) да айылына кайтса болмок. Бирок ал антпеди. Кыш бою Чаткалдагы кыргыздардын арасында жашап, аларды күрөшкө үндөп, баштаган жолунан кайтпайт. Ал эртедиркечтир ийгиликке жетээрине ишенген.
1875-жылдын эрте жазында Лейлек тараптагы кыргыздардын арасында толкундоолор башталат. Алар жашыруун Исхак менен байланышып, аны чакырышат. Ал чакырыкты кабыл алып, Лейлек тараптагы авахаат, кесек, тейит урууларына келет. Бул жердеги элдин эрдиктери, чечкиндүүлүгү Исхакка жаңы дем-күч берген. Анын үстүнө 1845-жылы Лейлектен чыккан Рахматулла Мырза датка менен Исфаранын акими Сатыбалды кол курап, Шералы ханды өлтүрүп, Коконду ээлеп, Алим хандын баласы Мурат ханды такка отургузганы Исхак Молдого маалым эле. Лейлекке келээри менен ал жерден Молдо Касым жана Орозаалы деген кыргыздардын жардамы менен кол курап, кайрадан Полот хандын атын жамынып Кудаяр ханга каршы жаңы күрөшүн баштайт. Тоолук кыргыздардын бул күрөшү отурукташкан калктын арасынан да колдоо таап, Полот хандын кошууну күндөн-күнгө көбөйө берген. Көп өтпөй хандыктын чыгыш тарабында жашаган кыргыздар да күрөшкө тартылып, кайрадан жалпы элдик толкун башталат.
Хандыктагы абал Кудаяр ханды, ошондой эле аны ар дайым колдоого алып келген Түркстан генерал-губернаторлугун да дүрбөлөңгө түшүргөн. Ошондуктан жалпы элдик толкунду басууга Кудаяр хан эң ишенген адамдары Иса олуя, Абдырахман аптабачыны, Калназарды жана Сарымсак эшик агасын баш кылып, 4 миң кол менен жөнөтөт. Ал эми Түркстан генерал-губернатору фон Кауфман хандыктагы окуядан тагыраак кабар алуу, ханга акыл-насаат айттыруу максатында тыңчысы Вейнбергди жиберет.
Элчилик менен бирге Коконго полковник М.Д. Скобелев эки топографы жана сибирлик казактардан турган 22 аскери менен келет. М.Д. Скобелев андан ары, элчилик деген наамга жамынып Кашкарга аскердик чалгындоо ишин жүргүзүүгө бармак. Алар өзүлөрү менен кошо Коконго бир жыл мурда Лейлектик кыргыздар такка отургузууга аракет кылып, бирок орус бийлиги тарабынан камакка алынган Абдулкеримбекти ала келишкен. Бул менен фон Кауфман хандыктагы көтөрүлүштү басууга жардам берээрин, керек учурда жазалоочу аскерин жөнөтөрүн ханга билдиргиси келген. Кокон ордосуна орустардан турган жоон топ өкүлчүлүктүн келиши күрөшкө чыккан элдин кыжырын ого бетер күчөткөн. Ал түгүл бул кабарды уккандан кийин күрөшкө чыккандарды жазалоого жиберилген Иса олуя менен Абдырахман аптабачылар 17-июлда кошууну менен эл тарапка өтүп кетишкен. Ал эми ордодо ушул күнү өң-алеттен кеткен Кудаяр хан фон Кауфман жиберген адамдар менен жолугуп, алардын айтканы менен боло баштаган. Ушул күндөн тарта хандыктагы жапырт көтөрүлгөн эл, Кудаяр хандын бийлигине гана эмес, анын түздөн-түз колдоочусу болгон Орусия империясына да каршы күрөшүн баштаган. Ал эми 19-июлда хандын мураскору эсептелген Анжыяндын беги, ханзаада Насреддинбек 5 миң нөкөрү менен эл тарапка өтүп кетет. Бул кабар Кудаяр хан үчүн өтө катуу урулган сокку эле. Ал эми фон Кауфманга хандыкты биротоло басып алуу үчүн эң сонун шылтоо болгон. Ошондуктан хандыктагы кырдаалдын чукул өзгөрүүсү фон Кауфмандын тыңчысы Вейнбергди келгендеги эң негизги максатын Кудаяр ханга ачык айттырууга мажбур кылат. Бул тууралуу Вейнберг: «Хан менен жолугушкандан эки күндөн кийин (19-июлда – М.К.) капсалаңдуу кабар келди. Хандын ишенимдүү аскер башчылары Иса олуя, Абдырахман карамагындагы аскерлери менен козголоңчуларга өтүп кеткендиктери жана алар эми ханга каршы күрөшкө чыгары жөнүндөгү каңшаар сөздөр көп өтпөй чын болуп чыкты. Мындай кыйың кезеңде хан менен жападан-жалгыз жолугушууну өзүмдүн милдетим деп эсептеп, ага кайрылдым. Ал макул болду. Жолугушууда генерал-губернатордун Кудаяр ханга сөз түрүндө айткан аманатын айттым. Хан аны уккан соң генерал-губернаторду сыйларын, жакшы көрөрүн бир канча жолу бышыктоо менен азырынча көтөрүлүштү басууга эч кандай жардамга муктаж эмес экендигин билдирип, керек болгон учурда андан көтөрүлүштү басуу үчүн кеңеш гана сурабастан, аны басууга жардам суроо го да даяр экендигин айтты. Хандын бардык жоопторунан улам, анын жардамга муктаж экендиги билинип турду»,– деп билдирген.
Хандыкта ошентип окуя чукулунан өзгөрүп жатты. 20-июлда Маргылаңдын эли да ханга каршы күрөшкө кошулуп, анын беги Кудаяр хандын бир тууганы Султанмуратбек да эл тарапка өтүүгө аргасыз болот. Ош, Ан жыян, Наманган, Маргылаң, Асаке шаарлары көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтөт. Хандын эң ишенген адамдарынын аны таштап кетиши, алардын Коконду көздөй багыт алышы анын үрөйүн учуруп, 20-июлда Түркстан генерал-губернаторуна: «… Сиз менин достук өтүнүчүмдү канааттандырып, Кокон шаарына замбиректери менен орус аскерлерин мүмкүн болушунча тезирээк жөнөтсөңүз экен. Ошондо гана козголоңчулардын ойлору ишке ашпас эле» – деп жардам сурап кат жазууга мажбур кылат.
22-июлда Кокондун калкы ханга каршы күрөшкө тартылат. Хандыктагы элдин күчтүү толкунуна Кудаяр хан туруштук кыла албай, 22-июлда акыры ордону таштап, Д.М. Скобелевдин жана өзүнүн сарбаздарынын коштоосунда Орусия каратып алган Кожентти көздөй качат. Кокондон качкан ханды жолду катар колуна курал алып, ызырынган эл жек көрүү менен узатат. Элдин түрүнөн корккон падышалык тыңчы Вейнберг Кожент үйөзүнүн башчысына: «Хандын аскерлеринин бардыгы көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кетишип, бизди карай аткылап жатышат. Махрам жана Бешарык жолун көздөй эң кур дегенде жүз солдат жибере көргүлө» – деп жалбарып жардам сурап кайрылат. Жардамга кошумча аскер жөнө түлүп, алардын коргоосунда 24-июлда Кожентке келишет. Кудаяр хан Кожентке келгенде анын айланасында Кокондон коштоп чыгышкан 5 миң нөкөрүнөн 643 адам, 80 арабага жүктөлгөн казынасынан 40 арабасы гана калган. Бул 643 адамдын 350сү гана куралчан нөкөр, калгандары аялдар, арабакечтер жана малайлар болгон. Көп өтпөй Кудаяр хан Коженттен Ташкентке, андан Оренбургга сүргүнгө айдалат. Ошентип ал төртүнчү жана акыркы мертебе бийликтен куулуп, Кокондон кол жууйт. Аны хан тактысын таштап кетүүгө Исхак Молдо башында турган элдин көтөрүлүшү аргасыз кылган.
Кудаяр хан бийликтен куулуп, Орусия империясынын карамагына качып кетиши менен хандыктагы күрөш токтогон эмес. Ал качып кетээри менен 24-июлда Абдырахман аптабачы, Иса олуя баш болгон эски ордо төбөлдөрү Насреддинбекти хан көтөрүшөт. Ал эми Исхак Молдонун айланасындагы кыргыздар Насреддинбекти хан катары тааныгысы келбейт. Алар күрөшүн уланта берген. Анткени Насреддинбек тактыда отурганда кыргыздар ордодогу өз таасирин орното алмак эмес. Ал эми Иса олуя менен Абдырахман аптабачы Исхак Молдонун эл арасындагы зор кадыр-баркынан чочулашып, жашыруун туткунга алып, Махрам чебиндеги орго салат. Бул окуяны бир аз бурмалоо менен 1876-жылы «Түркестанские ведомости» гезити: «Насреддинбек тактыны ээлегенден кийин Полот хан ага баш ийип, бийлигин тааныйт. Бирок Насреддинбек Полот ханды туткундап, Махрам чебинде кармап турган. Бул жерден ал качан 22-августта фон Кауфман жетектеген орус аскерлери чепти алганда качып чыгат», – деп жазат (№8). Бул жерде Полот хандын баш ийиши тууралуу маалымат чындыкка дал келбегени менен, анын камакка алынышы чындыкка жакын.
Көтөрүлгөн эл Кудаяр хандын кетиши менен эле тынчып, тарап кеткен эмес. Алар эми Түркстан чөлкөмүн Орусия империясынан бошотуу үчүн күрөштү улантмак болот. Ал эми Орус бийлиги элдин мындай түрүнөн чочулап, Ташкенттеги орустарга, чөлкөмдө жашаган төмөнкү чиндеги аскер адамдарына курал-жарак таркатып, Фергана өрөөнүн басып алуу үчүн даярдыктарды көрө баштайт. Фон Кауфман: «Маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жасаган аракетим ийгиликке жетпеди» – деп согуштук аракетке өтөрүн жашырган эмес.
Август айынын башында Ташкентте Фергана өрөөнүнө согуштук жүрүштү баштоо үчүн 5 миң адамдан турган аскер куралат. Ал эми хандыктагы көтөрүлгөн эл ачыктан-ачык орус тардын Орусияга кетүү талабын коё баштайт. Бул тууралуу «Түркестанские ведомости» гезити: «Жакында Коженттеги Абдырахман аптабачыдан кат келди. Ал катта бардык орустарды ислам динин кабыл алуу сун, же болбосо Коженттен, Оротөбөдөн, Ташкенттен ыктыярдуу чыгып кетүү талабын коюптур. Эгерде чыгып кетүүгө макул болсок, анда ал бизди Орусия га жеткирип коюуга, Кокондон араба жиберүүгө убада кылыптыр» – деп кабарлаган. Бул көтөрүлүшкө чыккан жалпы элдин талабы болгон.
12-августтан тарта падышалык жазалоочу аскерлер Фергана өрөөнүн көздөй согуштук жүрүшүн баштайт. Алар алгачкы күндөн баштап элдин боштондук кыймылын аёосуз басууга киришкен. 13-августта генерал-лейтенант Головачев өзүнүн билдирүүсүндө: «…подполковник Елгаштин өзүнүн сибирлик казак-орустары менен Кокон бандаларын курчоог о алып, тополоңго салып бардыгын талкалады. 800 адамдан турган бандадан 500ү беттешүү болгон жерде өлтүрүлүп, калгандары качууга үлгүргөн» – деп өзүлөрүнүн мыкаачылыктарын жашырбаган. Ортодогу эң чоң согуш 20-августтан 22-августка чейин Махрам чебинде болуп, эки күнд үк согушта начар куралданган эл оор жоготууларга дуу шарланып, 5 миңдей адамынан ажырап, чепти таштап кетүүгө аргасыз болушат. Чепте туткундалып жаткан Исхак Молдо бошонуп, кыргыздар менен Анжыян тарапка кетет. Махрам чебин ээлеген соң фон Кауфман элдин күрөшүн токтотуп, 40 миң теңге, же болбосо 10 миң тилла өлчөмүндө контрибуция төлөөгө милдеттендирген. Анын бул талабы четке кагылгандан кийин, ал согуштук жүрүшүн улантып, ордо жайгашкан Коконду ээлейт. Насреддинбек баш ийип анын алдына келет. Бирок эл орустардын баскынчылыгына, Насреддинбектин бийлигине каршы күрөшүн токтоткон эмес. Бул тууралуу фон Кауфман: «29-август та Кокон шаары биздин аскерлер тарабынан ээленди. Бул менен Кокон маселеси бүткөндөй болгон; борбору биздин колдо, ханы да биздин лагерде, Иса олуя газаватка үндөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Абдырахман аптабачы Махрамдын алдында болгону 3 миң атчан адамдары менен качып, тоого жашынды. Эгерде күрөш эл алдында мааниге ээ болгон жалгыз хан менен жүргөн болсо, Махрамдагы жеңиш менен, андан кийинки Коконду ээлөө менен согуштук экспедиция өзүнүн негизги максатына жетмек. Бирок иш биз ойлогондон башкача болуп чыкты. Алдыбызда башка себеп пайда болду. Ортодогу күрөш хан менен жүрбөптүр, ал басуу га алда канча кыйын болгон элдик кыймыл менен болуптур» – деп жазат. Элдин жаалынан кооптонгон фон Кауф ман 22-сентябрда Насреддинбек менен өзү каалаган шартта келишим түзүп, артка кайтууга шашат. Ортодо кабыл алынган келишим боюнча хандык Орусияга толук көз каранды болуп, падышалык бий лик тин макулдугусуз кошуна мамлекеттер менен өз ара келишимдерди, ар кандай согуштук аракеттерди өз алдынча жүргүзбөөгө милдеттүү болгон. Келишимге ылайык, Орусиянын карамагына Сыр дарыянын оң жээги, андагы Наманган, Чуст шаарлары өткөн. Хандык 2 млн сом өлчөмүндө контрибуция төлөөгө мажбурланат. Орусиянын карамагына өткөн жаңы аймак Наманган бөлүмү деп аталып, анын башына көтөрү лүштү басууда өзгөчө айырмаланган генерал Д.М. Скобелев дайындалган. Бул келишимден соң, Фергана өрөөнүнө карата Орусия империясынын биринчи согуштук жүрүшү аяктаган. Алгачкы согуштук экспедицияга генерал-губернатор фон Кауфман өзү жетекчилик кылган.
Орус аскерлери Кокондон кетээри менен, Насреддинбекти тактыдан кулатуу максатында кыргыз, кыпчак, өзбектер биргелешкен күрөшүн уланта беришкен. Анжыяндын жа нындагы Ботокара деген кыштакка чогулган эл Исхакты ак кийизге отургузуп, кайрадан хан көтөрүшөт. Полот хан деген ат менен экинчи жолу хан көтөрүлгөн Исхактын бийлигин хандыктын Чыгыш, Түштүк тарабындагы калк жапырт колдоп чыгат. Анжыян шаары бат эле Насреддинбекке жана аны колдоого алган падышалык бийликке каршы күрөштүн борборуна айланат. Полот хандын бийлигин жок кылып, Анжыянды басып алуу максатында 28-сентябрда Намангандан 1400 адамдан турган орус аскерлери жөнөтүлөт. Бул 2-жолку орустардын согуштук экспедициясын генерал-майор Троцкий жетектеген.
Анжыяндыктар менен Полот хандын 15 миң колу шаарды коргоо үчүн даярдык көрүп, негизги көчөлөргө тосмолорду коюшат. 1-октябрда Анжыяндын алдында орус аскерлери менен Полот хандын кошуунунун ортосунда алгачкы беттешүү болот. Полот хан коргонуу менен гана алек болбостон, маал-маалы менен орус аскерлерине чабуул жасап, алардын шаштысын алып турган. Натыйжада, орус аскерлери шаарды басып алууга батына албай, 3-октябрда Балыкчы аркылуу артка кайтууга аргасыз болушат. Полот хандын кошууну аларды Наманганга өткүчө артынан сая түшүп, айласын кетирет. Бирок 5-октя брда Ханават кыштагында түн ичинде Троцкий жөнөткөн есаул Машин жетектеген казак-орустар Полот хандын кошуунуна капысынан кол салышат. Түн ичинде мындайды күтпөгөн Полот хан көп жоготууларга учурап, өзү чегинген учурда аты көпүрөдөн кулап түшүп, анын бутун сындыра басат. Жанындагы жигиттери аны Хинди Мазар кыштагына алып келишет. Ушул жерде анын туш-тарапка чачылган кошууну жыйналат. Полот хан бутунун сынганына карабай, Насреддинбекке, орустарга каршы күрөшүн уланта берген. Генерал Троцкийдин согуштук жүрүшү ийгиликсиз аяктап, Наманганга кайткандан кийин көп өтпөй Кокондун калкы Полот ханды колдоп көтөрүлөт. 9-октябрда Полот хандын кошууну шаар калкынын колдоосу менен ордону курчоого алат. Элдин сүрүнөн корккон Насреддин хан 60 адамы менен атасынын жолун жолдоп, Кожентти көздөй качат. Хан ордосу жайгашкан Кокон шаары Полот хандын карамагына өтөт. Ал эми хандыктагы саясый абалдын кескин өзгөрүшүнө байкоо салган орус бийлиги: «Кокондо жана бүтүндөй хандыкта азыркы учурда тартипсиздик жана башаламандык өкүм сүрүүдө. Эл шайлаган, биз тааныган азыркы мыйзамдуу хан Насреддин Кокондон куулуп, биз каратып алган аймакта жашап жатат. Андыктан, Кокон хандыгындагы тартипти калыбына келтирүү, андагы орой, жапайы күчтү ооздуктоо вазийпасы бизге жүктөлдү. Кокон хандыгындагы мындай абал Орто Азиядагы биздин аброюбузга залалын тийгизип, карамагыбыздагы элдер биздин күчүбүзгө ишенбей калат» деген шылтоону бетке кармашып, согуштук жаңы жүрүшкө даярдана баштайт.
Бул учурда хандыктан Насреддинбек куулуп, бийлик толук Полот хандын колуна өткөн. Кыргыздар хандыкта баштагыдай таасирге кайрадан ээ болушат. Хан ордосу убактылуу Асаке шаарына жайгашып, Полот хан ушул жерден хандыкты башкарып турган. Ал эми хан ордосу жайгашкан Кокон шаарынын башчылыгына Алымбек датканын уулу Абдылдабек дайындалган. Мындан башка да хандыкты башкарууга Полот хан эң ишенимдүү адамдарын тарткан. Ташкенттин Курамасынан бери жанында жүргөн Абдымомунду эң жакын кеңешчиси жана аскер башчысы кылып, такай жанында алып жүргөн. Мындан сырткары Ишекан төрө, Шамырза датка, Жармат датка, Амал эшик агасы, Валихан төрө, Абдыкапар, адыгене бийи Омарбек датка, Кийикбай паңсат, Курманжан датканын уулдары Асанбек, Мамытбек сыяктуу көрүнүктүү инсандарды ар кандай кызматтарга койгон. Эң жогору ишеним арткан Абдылдабек Кокон шаарына 1875-жылдын октябрынан тартып, 1876-жылдын январына, шаарды орус аскерлери басып алганга чейин, Насреддинбекти киргизбей коргоп турган.
Полот хандын таасири хандыктан алыс, орустар ээлеп алган Төрөкоргон, Наманган тарапка да жайыла баштаган. Ал жердин калкы орустардын ээлигине каршы күрөшкө чыгышкан учурда, Намангандагы элдин үшүн алуу үчүн падыша лык аскерлер шаарды өрттөп жиберген. Беш күн бою шаарды өрт чулгап, анын көпчүлүк бөлүгү өрттөнүп, шаар калкы олуттуу зыян тарткан. Падышалык бийлик Полот хандын өсүп бара жаткан таасиринен чочулап, ага каршы үчүнчү согуштук экспедициясын уюштурушат. Окурмандардын эсине сала кетсек, буга чейинки 1-аскердик жүрүшкө фон Кауфман өзү жетекчилик кылса, 2-жүрүштү генерал Троцкий жетектеген. 3-согуштук жүрүш генерал Скобелевдин жетекчилигинде ишке ашырылган. Бул согуштук экспедициянын мезгилинде Кепе, Ташбала 2-ноябрда, 12-ноябрда Балыкчы, 18-ноябрда Ашоб, 30-ноябрда Гуртөбө, 2-декабрда Олжобай, 4-декабрда Байбача кыштактарынын калкы эң ырайымсыз жолдор менен жазаланып, көпчүлүк кыштактар түгөлү менен өрттөлөт. Аталган кыштактар көпчүлүк учурда түн ичинде, кыштактын калкы тынч уйкуда жаткан мезгилде өрттөлгөн. Эли кайгыга бөлөнгөн. Орус аскерлеринин мындай мыкаачылыктарына кыжырланган Полот хан Д.М.Скобелевге: «Силер ууруга окшоп күндүз беттешүүдөн качып, түн ичинде капысынан биздин кыштактарды басып алып, тынч жаткан калкты кыргынга алып жатасыңар» деген мазмундагы каарданган катын жолдойт.
Ноябрдын аягында Полот хан Асакеден Маргылаңга көчүп келет. Эми Маргылаң боштондук кыймылдын борборуна – Полот хандын резиденциясына айланат. Ал ушул жерден Кокон шаарына 14-декабрда шаан-шөкөт менен кирген. Ошол кездеги орусиялык басылмалар жазгандай Полот ханды шаар калкы зор урмат-сый менен Мазанник кыштагынан ордого чейин килем төшөп тосуп алышкан. Хан ордосу – Кокон шаары жана анын калкы Исхак Молдону, акыркы ханды, акыркы жолу салтанат менен тосуп алышты. Анткени бул мезгилде Орусия империясы Кокон хандыгын биротоло басып алуу үчүн «Кышкы экспедиция» деп аталган төртүнчү жолку эң ири согуштук жүрүшкө даярдык көрө баштаган. Анын негизги максатын генерал Д.М. Скобелев мындайча түшүндүргөн:
«Кара дарыя менен Нарындын (Эки суу арасы) ортосунда негизинен кыргыздар менен кыпчактар жашайт. Алар көтөрүлүшкө чыккан калктын негизин түзүшүп, ханга жана бизге каршы тынымсыз күрөшүп келүүдө. Кышкы экспедиция мезгилинде ал жердеги жарым көчмөн калк кыштоолоруна келишип, кар оор түшкөндөн улам, алар жай мезгилиндегидей баштарын калкалаш үчүн тоо аралап кете албай калышат. Кокту-коктуда жайгашкан айылдардын ортосунда байланыш үзүлөт. Ушундай шартта Кышкы экспедиция уюштуруп, көтөрүлүшкө ( жергиликтүү элге – М.К.) каршы оор сокку уруп, аларды экинчи баш көтөргүс абалга алып келүүгө болот»,– деп, Петербургдагы падышалык Өкмөттөн каражат бөлүп берүүсүн өтүнгөн. Албетте, анын мындай өтүнүчү дароо колдоо тапкан. Ошондон кийин генерал Д. М. Скобелев кышкы экспедицияга даярданып, баш-аягы 2 миң 821 жоокерден турган мыкты куралданган атайын аскер курайт. Бул кабар Полот ханга жетип, ал да баскынчыларга каршы согушууга даярдыктарды көрө баштайт.
Полот хан декабрдын орто ченинде Маргылаңдын алдында көп миңдеген кол жыйнап, орус аскерлери эң биринчи соккуну Анжыянга урат дегенди уккандан кийин, өзүнүн эң тажрыйбалуу кол башчылары Шаамырза датка менен Жармат датканы шаарды коргоого даярдык көргүлө деп аттандырат. Шаар душмандардан коргонуу үчүн катуу даярдыктарды көрүп жаткан учурда орустар тарабынан жиберилген тыңчылар тымызын бөлүп-жаруу иштерин жүргүзө баштайт. Алардын чагымчыл аракеттеринен улам Шаамырза датка менен Жармат датка Полот хан чыныгы хан тукуму эмес, ал карапайым эле Молдо Исхак деген кыргыз деген сөздү таркатып жатыптыр, деген ушак Исхакка жетет. Жаалданган Исхак Маргылаңдагы ордосунда анжыяндык аттуу-баштуу беш адамдын башын алдыртып, Эшматты жана дагы бир бостон уруусунан чыккан Амал эшик агасын шаарды коргоо үчүн Анжыянга жөнөтөт. Алар шаарга келгенде эч нерседен кабары жок тосуп чыгышкан Шаамырза менен Жармат датканы дароо кармашып, Полот хандын жарлыгына ылайык экөөнүн тең башын алдыртат. Бул окуядан көп өтпөй генерал Д.М. Скобелев жетектеген орус аскерлеринин Эки суу аралыгына Кышкы экспедициясы башталат. 25-декабрда башталган бул экспеди ция Орусиянын Орто Азиядагы эң ырайымсыз, геноциддик саясаты менен тарыхта калды. Ал тууралуу падышалык аскер жетекчилер өздөрүнүн жазып калтырган маалыматтары менен бышыкташат.
Анда анын айрымдарына токтоло кетели.
27-декабрда полковник Меллер-Закомельский башында турган жазалоочу отряд Кожабад кыштагын өрттөп, аны жер менен жексен кылат. Кыштактын тынч жашаган 50дөн ашуун тургуну өлүп, көптөгөн малдары, байлыктары талоонго алынган.
28-декабрда Тоода кыштагы өрттөлөт. 30-декабрда орус аскерлери Байтак кыштагына келишет. Андагы калк нан, туз менен тосуп алганына карабай, кыштак толугу менен өрттөлөт.
31-декабрда Жанабад (Жалал-Абад же Ханабат – М.К.), Майгыр жана Төрткүл кыштактары курчоого алынып, ар бир түтүн эки күндүн ичинде бир тилладан контрибуция төлөшсө гана кечирим берилээри эскертилет. Албетте, бул талапты аткаруу алардын колдорунан келмек эмес. Ушул эле күнү Акмазар, Лугумбек кыштактары өрттөлөт. Меллер-Закомельскийдин жазалоочу отряды үйлөрүн таштай качышкан жөө-жалаң адамдарды артынан сая кууп, артта калышкан балдарды, аялдарды, чал-кемпирлерди кылычтап, кызылала канын төгөт. Аппак кар кыпкызыл канга боёлот. Андан ары Исбискен, Исхак хан көтө рүлгөн Ботокара кыштактары өрткө чулганып, калкы жазаланат.
1-январда Массы, Такачы, Чоңбагыш, Кокон кыштак, Жалгызбак кыштактары өрттөлүп, эли жазаланат. Орус аскерлеринин мындай мыкаачылыктары бир жагынан элдин үшүн алса, экинчи жагынан жек көрүүсүн күчөтөт. Өз элин, өз жерин четтен келген баскынчылардан коргоо үчүн негизги күч Анжыян шаарынын алдына чогулат. Ушул жерден Полот хан жетектеген кыргыздар, кыпчактар жана шаар калкы чечкиндүү күрөшкө даярдык көрүшөт. Базарга баруучу жолдорго тосмолор коюлуп, дубалдар менен курулуштар коргонууга ылайыкташтырылат. «Шаардан угулган сурнай-кернейлердин, добул бастардын үндөрү алардын даярдыктарын көргөзүп турду»,– деп жазат ошол кездеги окуяга катышкан орус офицери. Шаарды падышалык аскерлердин баскынчылыгынан коргоого 5 миң сарбаз (жөө аскерлер), 4 миң сыпай (атчандар) жана 30 миңге чукул анжыяндыктар менен кошуна кыштактардан келген адамдар чогулат. Полот хан бир англичан жана үч кашкарлык устаны жалдап, үч ай бою замбирек куйдурткан.
8-январда орус аскерлери ыраакта туруп алып, шаарды замбиректер менен тынымсыз аткылоого алышкан. Жакын келип беттешүүнү күткөн Полот хандын кошууну замбиректердин аткылоосунан бөөдө кыргынга учурабоо үчүн Асаке тарапка чегинүүгө аргасыз болушкан. Ал эми Анжыян шаары замбиректердин аткылоосунан улам өтө чоң кыйроого учурайт. Генерал Скобелев 1876-жылы 18-февралдагы билдирүүсүндө, шаардын кыйроосу жана андагы элдин өлүмү тууралуу жогорку жетекчилерине: «Акыркы чогултулган так маалыматтар жана документтер боюнча Анжыянды аткылоодон 20 миң адам өлүптүр, алардын көпчүлүгү казылган аңдарга жашынган кезде жарылуудан жана өрттөн ураган дубалдардын алдында калган. Бүгүн Меллер-Закомельский мага жазган катында да «душмандардын Анжыяндагы шумдуктай жоготууга учураганы чын эле бышыкталууда. Күн жылый баштаган сайын алардын денелери чирип, аба бузулууда деп билдириптир», – деп жазган. Бул падышачылыктын Орто Азияны басып алуудагы эң зор геноциддик кыргыны болгон. Өлгөн адамдардын арасында шаар тургундарынан сырткары жардамга келген кыргыздар, кыпчактар да болгон.
Ал эми Анжыяндан чегинген Полот хан, Абдырахман аптабачы орус генералдарына: «Биз бет маңдай салгылашууну каалаганбыз, а силер коркоктордой болуп бизге жакындоонун ордуна алыста туруп алып бизди топчуларыңар (замбиректериңер – К.М.) менен аткылай бердиңер, биз ошол үчүн кетип калдык» деген кыжырданууларын билдиришкен. Алар Анжыяндан чегинишип, Асакеге барган. Бирок орус аскерлери алардын артынан сая түшүп, 18-январда шаарды курчоого алып, кайрадан замбиректери менен аткылоого алышкан. Шаар бүлүнүп, андагы начар куралданган Полот хандын кошууну душмандарга жакындап барып согушууга мүмкүн болбогондон улам, 400гө чукул адамынан ажырап, шаардан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
Абалдын оордугунан, бөөдө кан төгүүлөрдөн улам Полот хан Маргылаңдан Акун Даммула Мир-Бадулмаулов баштаган 14 кишиден турган элчисин Орусия менен тынчтык келишим түзүү үчүн Кожент аркылуу Ташкент ке жиберет. Алар 18-январда Кожентке келип, жергиликтүү падышалык бийлик өкүлдөрүнө кайрылышат. Бирок Полот хандын мындай аракетинен эч кандай майнап чыккан эмес. Анткени генерал-губернатор фон Кауфман 1875-жылдын 29-сентябрында эле Полот ханды даргага асуу жөнүндө өкүмүн чыгарып койгон болчу.
Ошол эле учурда (20-январда) Абдырахман аптабачы баш болгон экинчи топ жашыруун Скобелев менен сүйлөшүп, багынып берүүгө даяр экенин билдирет. 20-январдан 23-январга чейин өз ара кат аркылуу макулдашуулардан кийин, 24-январда Д.М. Скобелев менен Инди кыштагында көзмө-көз жолугушк андан соң Абдырахман аптабачы падышалык бийликке моюн сунат. Ал менен кошо Батыр төрө, Исфандияр, Калыгул парваначы баш болгон 26 кол башчысы, 400 жигити багынып берген. Ал эми Полот хан өзү жиберген элчиликке оңдуу жооп алалбаганына, аптабачынын туткунга түшүп бергенине кыжырланып, 27-январда Маргылаңда Абдырахмандын үч инисин, келинин жана туткунда жүргөн сегиз орус солдатын өлүм жазасына тартт ырат. Өзү 400 сарбазы, миң сыпайы, беш замбирегин жана байлыктарын алып шаардан чыгып, Кожомагыз мазарына келет. Ушул жерден ал «мындан ары эмне кылуу керек?» деген маселени коюп, жыйын курат. Жыйында ар кыл пикир айтылат. Кээ бирөөлөрү тоо тараптагы кыргыз айылдарына күч топт оп, кайра күрөштү улантуу керек дешсе, Полот хандын кайын атасы Музафар-Шаа баш болгон айрым адамдар Үчкоргонго барып, ыңгайлуу учурду күтүп туруу керек деген сунушту айтат. Анын түпкү максаты Каратегинге барып бир тууганы Раим-Шаадан бийликти тартып алуу жана ал жерден кол курап, Ферганага кайра келүү болгон. Үчүнчүлөрү Коконго кирүү керек дешкен. Полот хан экинчи сунушту жактырып, Үчкоргонго келип, эч нерседен бейкапар жайланышып туруп калат. Чилденин суугу күчөп, Анжыяндын алдында сынган бутунун оорусу күчөйт. Ал Үчкоргондо бутунун оорусу пасаңдап, кошууну эс алгыча өргүп турууну чечкен.
Бул учурда Скобелев жергиликтүү тыңчылары аркылуу Полот хандын ар бир кадамы менен кабардар болуп турган. Ошондуктан ал өтө тездик менен Меллер-Закомельский башында турган казак орус отрядын жана башында генералдык штабдын капитаны Куропаткин турган аткычтардын атчан отрядын Үчкоргонго жиберет. Аларга Абдырахман аптабачынын багынып берген жигиттерин (Исфандияр датка жетектеген) кошот. 28-январда түн ичинде алар Үчкоргонго келип, терең уйкуда жаткан Полот хандын кошуунуна кол салат. Капысынан кол салган орус аскерлерине туруштук бере албай, Полот хан аз сандагы адамдары менен курчоодон суурулуп чыгып, Исфайрам капчыгайы аркылуу Дароот-Коргонго качып барат. Дээрлик байлыгынан, курал-жарагынан, жакын адамдарынан ажырайт. Аман калган жигиттери артынан барып, акырындап колу топтоло баштайт. Алардын чогула баштаганын уккан Каратегиндин беги Раим-Шаа 1000ге жакын колу менен Полот ханга каршы сокку урмак болот. Ортого бир тууган иниси Музафар-Шаа түшүп, экөөнү элдештирүүгө аракет жасап, бирдиктүү аскер курап, Фергананы орус баскынчылардан бошотуу үчүн күрөшүүгө үндөйт. Бирок Раим-Шаа инисин туткундап, Дароот-Коргонго келип Полот хандын акыркы күчүн талкалайт. Полот хан зорго кутулуп чыгып, Алай тоолоруна жашынат.
Ошол мезгилде Полот хандын ишенимдүү кол башчысы Абдылдабек (Алымбек датка менен Курманжан датканын тун баласы – М.К) Коконду колдон чыгарбай кармап турган. Абдылдабек Кокондун акими катары шаардын келечеги үчүн кам көрүп, кыска убакыттын ичинде азыноолак иштерди жасоого үлгүргөн. Бирок Полот хандын тегерегиндеги соңку окуялар аны бир топ олку-солку кылган. Анын үстүнө буга чейин Махрам чебинде жашап турган Насреддинбек Полот хан Үчкоргонго чегингенден баштап Коконго келип, кайрадан такка отурууга аракеттене баштаган. Көздөгөн максатына жетүү үчүн, ал 23-январда Коконго жакын Найманча кыштагына келет. Бирок анын келишине Абдылдабек бөгөт коюп, ал 27-январда Насреддинбекке сокку уруп, аны артка кууйт. Ал кайрадан Махрам чебине качып барып, баш калкалайт. Ошол сепилден ал орустардын колдоосу менен 30-январда гана Коконго кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок ал кайрадан хан тактысына ээ боло алган эмес. Жети күндөн кийин анын тагдыры биротоло чечилет. Анткени 7-февралда генерал Скобелев аскери менен Коконго кирет. Ал шаар калкын чогултуп, Кокон хандыгы биротоло жоюлганын, анын аймагы Фергана облусу аталып, Түркстан генералгубернаторлугуна баш ийгендигин жарыялайт. Ал эми Насреддинбек Ташкентке кетүүгө аргасыз болот. Ал жерде орус бийлигинин көзөмө лүндө жашоого моюн сунат.
Эл тарабынан ак кийизге бөлөнүп, хан көтөрүлгөн Кокондун акыркы ханы Молдо Исхак кыштын кычыраган суугунда Алай тоолорун түнөк кылып, из жашырып жүргөн жеринен, 18-февралдан 19-февралга караган түнү, Скобелев жиберген адамдар тарабынан туткунга алынат. Ал акыркы күчү калганча кармашып жатып колго түшкөн. Ал туткундалган күн орус падышасы Александр IIнин туулган күнү менен дал келгени, ошол күнү падыша Кокон хандыгынын биротоло жоюлушу, анын Фергана облусу деп аталышы, ага генерал Д.М. Скобелевдин губернатор болуп дайындалышы тууралуу жарлыгына кол коюшу менен бир күнгө дал келгени да өзгөчө сырдуу. Колго түшкөн Исхак Анжыянга алып келинип, ошол жерде абакта жатып суракка алынган. Ал сынган бутунун өтүшүп кетип, суу агып кыйналганына карабай, өзүн өтө ишенимдүү алып жүргөн. Сурак кагаздары архивден табылбаганы менен, анын айрым жагдайларын ошол кезде окуяга күбө болгон орус офицерлери өз эскерүүлөрүндө жазып калтырган. Сурак учурунда Молдо Исхак Орусия басып алган аймактарда элдин боштондук үчүн күрөшкө тартылышынын, алардын Полот ханды колдоого алышынын башкы себеби катары, падышачылыктын жер маселесин туура чече албаганы болду деп түшүн дүргөн. Мындан башка сурак тууралуу колго алынарлык маалымат азырынча жок.
Молдо Исхак эркиндик үчүн күрөштө өзүн кандай кайраттуу алып жүрсө, өлүм алдында да өзүнүн тайманбастыгын, эр жүрөктүүлүгүн көрсөтө алган. Анын өлүм алдындагы акыркы учуруна күбө болгон орус офицери Боголюбов: «Ал өлүмгө буюрган өкүмүн укканда токтоо гана «хоп» деп койду да, күндөг үсүндөй берилген тамакты бейкапар түгөтө ичти да, тынч уйкуга кетти. Эртеси дарганы көздөй алып жөнөгөндө да эч нерседен кебелбей, бейкапар жай басып келе жатты. Анын бул жоругуна чыдамы түгөнгөн жоокерлер түрткүлөп шаштырганда ал: «Эмне эле силер шашыласыңар? Менин бутум ооруп жатканын көрбөй жатасыңарбы? Шаштырбагыла, үлгүрөсүңөр али!» – деп жай басып даргага барды. Ал өлүмдү зор эрдик менен тосуп алды» – деп жазган.
1876-жылы 1-мартта Маргылаң шаарында ордонун бет маңдайындагы аянтта Молдо Исхак даргага асылган. Аны өлүм жазасына тартардын алдында шаар калкын аянтка чогултуп, Меллер-Закомельский жетектеген отряд аянтта каре (элге куралын кезеп катар туруу – К.М.) формасында тизилип, барабандар дүңгүрөтө кагылып, эң коркунучтуу душманынан биротоло кутулуп жаткандай ишаа рат жасалган. Молдо Исхак даргага асылган учурда, ал болгону 32 жашта болгон. Анын өлүм алдындагы кайраттуулугу элди дагы бир жолу таң калтырып, эрдикке үндөгөн. Аянтта «кайран баатыр», «биздин ханыбыз» деп көз жашын төккөн адамдар көп болду. Ошентип, кыргыздын дагы бир чыгаан инсаны, Кокондун акыркы ханы Исхактын өмүрү кыйылды. Бирок өз элин эркиндикке ээрчиткен эрендин жаркын элеси элинин эсинде түбөлүк сакталып калды. Анын кыска жана даңазалуу өмүрү кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткен учурунда өзүнүн калыс баасын алышы зарыл экени та лашсыз.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ
БААТЫРЛАР
Байыркы замандардан бери көчмөн кыргыз элинин турмушу, жашоосу дайыма эле бейпил боло берген эмес. Адамзат тарыхында боло келгендей айрым учурда коңшу элдердин чабуулуна, баскынчылыгына каршы турууг а туура келген. Андай кыйынчылык учурда элди, жерди коргоого эң алды менен колуна курал алып баатырлар аттанышкан.
Эрдик жасоо ар бир эле жоокердин колунан келе берген эмес. Элдин эртеңки келечегине кайдыгер карабаган эр жүрөк азаматтар гана башын өлүмгө сайып, жоону беттеген.
Тарыхта андай баатырлар ондоп саналган, көпчүлүгү жөнүндөгү маалыматтар уламышка, ырга, дастанга, эпоско, атүгүл айрымдары жомоктогу каармандарга айланып кеткен.
Эл турмушунда жашап өтүшкөн баатырларыбыздын өмүр жолу жана эрдиктери бүгүнкү урпактарга үлгү болорлугу шексиз. Эң ириде алар өз элинин чыныгы патриот атуулдары болушкан. Дал ушул Ата Мекенди сүйүүдөн улам алар кыл чайнашкан кармаштарга чыгышып, баштарын өлүмгө сайып келишкен.
Кыргыз элинин өткөн доорунда журттун эсенчилиги, биримдиги, бейкутчулугу жана коопсуздугу ошол эл ичинен чыккан баатырлардын милдетине таандык болгон. Алар бел чечпей, кайсы мезгил болбосун эл кызматында болушкан. Бул ошол мезгилдин жазылбаган мыйзамы эле. Ушундан улам кыргыздар бекеринен: «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» – деп айтышпаган чыгаар.
Бүгүнкү эгемен мамлекетибиздин келечеги түздөн-түз аны коргоо менен байланышат. Дал ушул маселеде Манас бабабыз баштаган жана тарыхта жашап өткөн баатырларыбыздын эрдиктери урпактарга өрнөк боло алат. Байыртан берки баатыр бабаларыбызды санабай эле, өткөн XVII–XIX кылымдардагы Курманбек, Эр Табылды, Атаке, Эсенгул, Бүргө баатырлардын эрдиги, андан кийинки Жайыл, Ормон, Жаманкара, Төрөкелди ж. б. баатырлардын, Атантай, Тайлактын күрөшү жана эрдиктери кыргыз эли жашап турганда зор сыймык менен айтылып кала берет. Демек, кыргыз элинин түптүү эл катары жашап турушуна, мамлекеттүүлүккө жетишине баатырлардын ролу зор болгон. Ошондуктан: «Өсөр элдин бийи бир болот, баатыры миң болот» – деп, айтылат элде. Андыктан баатырлар жөнүндө сөз кылуу биз үчүн ар да йым сыймык жана милдет. Ушул багытта бул бөлүмдө элге белгилүү баатырларыбыз тууралуу маалыматтар берилди. Ал эми көптөгөн башка баатырларыбыз тууралуу бардык материалдарды толук камтууга мүмкүнчүлүк чакталуу болду.
КУРМАНБЕК БААТЫР
Курманбек баатыр XVI–XVII кылымдардын аралыгында жашап, калмак төбөлдөрү менен күрөшүп өткөн реалдуу тарыхый инсан. Анын баатырдык иштерин баяндаган эл тарабынан эң сонун эпос түзүлгөн. Шарттуу түрдө эпостон орун алган тарыхый реалияларды көз алдыга тутсак, окуянын өткөн орду да реалдуу: Чыгыш Түркстан (Кашкар, Жаркент, Кара Шаар-Камбыл), Ооганстан, Орто Азия аймагы (Анжиян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) ж.б. Ал эми Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, коңшу хандыктар менен түзгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарын белгилүү даражада аныктай турган фактылар тарыхый уламыштык, аңыз-аңгемелик материалдардан жана тарыхый булактардан да орун алат. Алсак, 1947-жылы Абдыкалык Чоробаев Жалал-Абад областы, азыркы Сузак району, Калмаккырчын сельсовети, Таранбазар кыштагынын тургуну 71 жаштагы Шырдак карыяд ан «Калмаккырчын» уламышын жазып алып, анда илгерки заманда кыргыз-кыпчак уруусунан Курманбек аттуу баатыр чыгып, калмактар менен урушуп, алардын мизин кайтарып, баш ийдирип тургандыгы баяндалат. Жер кыдырып Кашкарга барып, Кашкардын каны Аккан менен достошуп кайтат. Ал кезде Курманбектин ордосу Кызылсуу деген жерде жайлашат. Арадан бир канча жыл өткөндө уулдуу болот. Аккан токсон нарга пул жүктөп, досунун баласын жентектеп сапар тартып келе жатып, Күлдөмбес деген жерге жеткенде Корун аттуу калмактардын төрөсү Курманбектин ордосун курчап алып, согушуп жаткандыгын угат. Уруш бир канча күнгө созулуп, Курманбек душманды жеңип, Кызылсуунун батыш жээгине калмактын колун боо түшүрүп кырат. Ошондон улам «калмак кырчындай кырылды» деген сөз калып, согуш өткөн аймак «Кал маккырчын» аталып калат. Демек, Курманбек жашаган мезгилде ушул аймакта калмак, кыргыздардын ортосунда катуу согуштун болгондугу реалдуу окуя. Ал ошол уруш өткөн жердин «Калмаккырчын» аталып калышы менен да бекемделет.
Курманбектин «калмак доорунда» жашаган тарыхый инсан экендиги башка тарыхый булактарда да маалымдалат. Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Тарихи-Кашкариде Ишим (Эшим) кыргыз мырзалары Курбанбек (Курманбек) жана Малик Касим (Касым) менен жолугушкандыгы тууралуу маалымат орун алат. Сүйлөшүүгө Эшим Ташкенттен келет. Жолугушуу Курманбектин Аксуу (Аккалаа) коргонунда өтүп, калмактар менен урушуунун жөн-жайы макулдашылат. Түрк авторунун эскерүүсүндө Ишим (Эшим) ханды Курбанбек (Кур манбек) «ат үстүнөн» каршы алат. Буга Ишим тырчый түшкөн дешет. Эшим кан демекчи, ал XVI—XVII кылымдардын аралыгында жашаган реалдуу тарыхый адам, казак ханы, бирок кыргыздар анын тегин кыргыз-кыпчактан чыгарат. Эшим кан жөнүндө кыргыз арасында казактарга караганда уламыш, аңыз-аңгемелер көп сакталган. Тоголок Молдо уламыш, аңыз-аңгемени негиз кылып алып, «Эр Эшим» поэмасын жараткан. Санжырада да Эшим кан менен кан Турсундун окуясы күнү бүгүнкүдөй эле сакталып, «Катагандын кан Турсун, кан Турсунду ант урсун» делип, дос туктун шертин бузган кан Турсундун кара ниет душманчылыгын ашкерелеген сөз али да калк оозунда. XVI—XVIII кылымдардын аралыгында Могол, калмак кандарына каршы кыргыз, казактар биригип согушуп турган учурлары болот. Эшим кан да кыргыздар тарабынан колдоого алынат. Ал хандык кылган мезгилде кыргыз, казак калкынын жакшы мамиледе, ынтымакта жашагандыгын Ч.Валиханов да белгилейт. Муну эки элдин союздаштыгынын күбөсү катарында Эшим кандын кыргыздардын уруу башчысы Көкүм өлгөндө Ташкентке «Көкүмдүн көк күмбөзүн» тургузушунан да көрүүгө болот.
Курманбектин тарыхый инсан экендигин аныктай турган дагы бир факты, калмак кандарынын жортуулу учурунда болуп өткөн тарыхый окуялардын же жашаг ан тарыхый личносттордун эпоско чагылышы. Алсак, чыгармада Курманбек менен Аккандын досчулугуна кеңири орун берилет. Сөз Аккан жөнүндө болгондо эки маселенин башын ачып алышыбыз зарыл. Биринчиси, «калмак доорунда» Чыгыш Түркстан аймагы менен кырг ыздардын карым-катнашы, тарыхый байланышы. Экинчиси, Аккандын тарыхта болгон адам экендигин маалымдаган даректердин тарыхый эмгектерде орун алышы.
- кылымда Тянь-Шандан могол төбөлдөрүн сүрүп чыккандан кийин кыргыз уруулары Кашкар менен түздөн-түз байланышып турган. XVII кылымдын башында калмактардын кысымынын күчөшүнөн улам кыргыз уруулары Кашкар, Турпан, Аксуу ж. б. шаарларга көчүп келип, бул аймакта отурукташуу процесси башталат.
- кылымдын 30-жылдарында кыргыздар Могол мамлекетинин башкаруучуларынын көрсөткөн каршылыктарын жеңип, Кашкардын айланасы жана андан түштүккө карай Жаңы Гиссарга чейинки аймактарга жайланышып, реалдуу саясий күчкө айланат да, мамлекеттин ички иштерине кийлигишип, өз таасирин тийгизип турат. Могол хандары да алар менен эсептешпей коё албайт. Шах Махмуд Чоростун маалыматына караганда XVII кылымда Тянь-Шань жана Чыгыш Түркстанда Тилек бий, Байботокара, Сокур бий, Кошой бек, Кебек бек, Шырдак бек ж. б. мырзалар кадыр-баркка ээ болуп, Кашкар жана Жаркент хандыктарында мансаптын бийик бакавул, эмир, эсавул, шигавул сыяктуу кызматтык орундарды ээлеп турган. Айрым бир чептерге аким болуп дайындалып турган учурлары да болгон. Калмактар менен согушууда Кашкар жана Жар кент хандыктары кыргыз жана казак уруула рынын аскердик бөлүктөрүн колдоого алып турушкан. Казак ханы Эшим тарабынан Кашкар, Жаркент хандыктары менен калмактарга каршы келишим түзүлгөн.
Эпосто Аккан Курманбектин досу катарында мүнөздөлүшү да бекеринен эмес. Тарыхый-турмуштук негизи бар. Анткени «калмак доорунда» Кашкар менен кыргыздар тыгыз саясий, маданий жана экономикалык байланышта болгон. Айрыкча XVII кылымда Кашкар жана Жаркент хандыктарынын аймагында кушчу, чоң багыш, кыпчак, нойгут, тейит, булгачы, отуз уул ж. б. кыргыз урууларынын мамлекеттин саясий турмушуна активдүү аралашып, тарыхый окуяларга өз таасирин тийгизип тургандыгы Шах Махмуд Чоростун хроникасынан, Мир Халь ад-диндин «Хидайат-намесинен» ж. б. эмгектердеги маалыматтардан көрүнүп турат. Чыгыш Түркстандын тарыхында Аппак хан же Аппак кожо деген эки тарыхый инсан кездешет. Аппак хан (өз аты Абд ал-Латиф) эл арасында Аппак хан аталган, ошондон улам кыргыздарда да ушул наам менен белгилүү болсо керек) 1602-жылы төрөлүп, отуз жашында Кашкардын ханы болот. Махмуд бен Вали (Бахр-ал-асрар) боюнча да ал XVII кылымда өмүр сүрөт. Аппак хан (Акхан) менен Курманбектин ортосунда жакшы мамиле түзүлүп, бири-биринин жерине каттап турушат. Анын Аксууга келип кеткендиги, Аксуу чебин курууга жардамдашкандыгы, Абд-ал-Латифтин Кашкарга хан болушунда кыргыздардын чоң көмөк көрсөткөндүгү жөнүндө кабар берет. Экинчиси, Аппак кожо (өз аты Хидаятолла) 1681–1694-жылдардын аралыгында Кашкарды башкаруучу (аким) болуп турган.
Тарыхый маалыматтарга, калк арасында айтылган аңыз-аңгеме, уламыштарга жана эпостун окуясына караганда «Курманбекке» кандайдыр бир деңгээлде Абд ал-Латиф хандын өмүр жолунун бир үзүмү чагылышкан өңдүү. Шах Махмуд боюнча ал 1619, 1627, 1630-жылдардын аралыгында бийлик жүргүзөт. Санжырачы, кытай тарыхчысы Үсөйүн ажы Курманбек менен Акканды тарыхый болгон адамдар катарында баяндайт. Аппак хандын оор басырыктуу, өз элине кадырлуу болуп, Курманбек экөө достошуп, эки эл биригип, мунгул зулумдарына каршы күрөшүп тургандыгын маалымдайт. Үсөйүн ажы боюнча Аккан мунгулдар менен болгон урушта каза табат. Жогорку фактылар «Курманбек» эпосунун башкы каарманы Курманбектин Кашкардын ханы Абд ал-Латифтин (Аппак хандын), казак каны Эшимдин доо рунда өмүр сүрүп, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшкөн тарыхый инсан экендигин ачык айкындап турат. Ал эми Курманбек менен Аппак хандын орт осунда дипломатиялык же достук мамиленин түзүлүшүнө, эки элдин жакындашуусуна XVII кылымдагы Кашкар хандыгынын ички, сырткы карама-каршылыктары, ойрот-калмак хандарынын баскын чылык саясатынын күч алышы, жогоркудай эле тарыхый кыр даалды кыргыздардын да өз баштарынан өткөрүп турушу себепчи болуп, калк башына түшкөн жалпы оорчулук жана тагдырлаштык менен коштолгон. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып-чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга карш ы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот. Бирок белгилей кете турган нерсе көркөм чыгарманын жаралышынын өз жолу бар. Бул же тигил чыгарма тарыхый реалдуулукка негизделип түзүлсө да, тарыхый окуя же тарыхый инсандын өмүр баяны көркөм чыгарманын жанр дык өзгөчөлүгүнө ылайык чагылышып, өсүп-өнүгүү жолун басып өтөт. Натыйжада, эпосто калмак хандары Корун, Дөлөндүн согушуна каршы Курманбектин баатырдык мен ен жүргүзгөн күрөшү сырткы гана эмес, ички карама-каршылыктардын курчушунда, үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдырынын баяндалышында эпостун деңгээлине көтөрүлүп, ошол доордун реалдуу картинасын, духун, трагедия сын, калк тагдырын көркөм сөздүн күчү менен элге жеткирип, угармандардын моокумун кандырып, делебесин козгоп турат. Эпос ушунусу менен баалуу.
Ошондой эле аңыз-аңгеме, уламыштарда, эпосто кыргыздардын карым-катнашы бар коңшу хандыктардын (Могол, Казак, Жунгар, Кашкар) ортосунда түзүлгөн мамилени реалдуу чагылыштырып турушу эпостун тарыхыйлуулугун көрсөткөн фактыдан болуп са налат.
Батма КЕБЕКОВА
ХАН ШЫРДАКБЕК
Кыргыздар көчмөн элдерден болушса да алардын ата мурастары, каада-салттары, эненин сүтү менен кошо бүтүп, сөөгүнө сиңген, өзүлөрүнүн улуттук өзгөчөлүк төрүнө жараша чыныгы философиясы, маданияты, искусствосу болгону талашсыз. Элибиздин каада-салттары батыштын өнүккөн өлкөлөрүнөн алда канча жогору. Конок келсе, анын аты-жөнүн сурабай туруп, белин чечтирип, алдына төшөк төшөп, суусунун кандырып, коюн союп, колун куушуруп, бир боорундай урмат-сый көрсөтүү эмне деген гана керемет. Көч келе жатса жолун тосуп, суусун сунуп, колундагы бар тамагын аябай кылактаган кыз-келиндери, санжыргалуу байбичелери, акылман карыя лары «унаа бели бекпи» дешип адатка айланган сыйын көрсөтүү эч бир элде жок. Жалгыз-жарым эли-жеринен азгандар болсо ага да урмат-сый көрсөтүшкөн. «Калгыла! Эл бололу, журт бололу» дешип, эгер ал азып-тозгондор калышса, ага саанга мал бөлүп, жакшы жайыттуу жерлерди беришкен. Бөлүп берген малдарынын төлүн алышкан эмес. Кыргыздар сыйкор, меймандос, айкөл эл болушуп, тигил эле «абал муздактан» бери келе жатышат. Жолоочу жүргөн адам: «Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдон» – дешип, эл аралап курсагын тойгузуп кете беришкен. Маданиятыбыз, искусствобуз батыштын өнүккөн айрым өлкөлөрүнөн алда канча мурун өнүккөнүнө кыргыздын оймо-чиймелери, элинин муңун муңдап, ырын ырдап, кубанычына да, кайгысына да тең орток болуп келе жаткан комузу күбө боло алат. Калкыбыздын пейли тоо суусундай таза, мөл, хрусталындай тунук. Элибизде не бир залкар-акылман адамдар, жоо ну көкүрөгү менен тоскон эр жүрөк баатырлар, оозунан шекер менен бал тамган уламачы карылар, ак таңдай акындар өтүштү. Атаганат десеңчи… Ошол асыл адамдардын көбү мезгилдин агымына кабылып, жылдар өткөн сайын унутулуп, оту өчкөн коломтодой болуп бара жатышкандары өкүнүчтүү. Бирок эл болгондон кийин ошолордун басып өткөн жолдорун, доорлорун, мүшкүлдүү иштерин, кубанычтарын эл оозунан жыйнап, кайра кийинки муундарга тартуулашка мезгил жетти. Ошол эл мурастарынын бири болгон Хан Шырдакбек жөнүндө элден уккан уламыш-жомогубузду баштайлы деп олтурабыз.
Хан Шырдакбек баяны ар түрлүү равияттарда (варианттарда) айтылат. Көптөгөн санжырачылардын, уламачылардын ичинен Хан Шырдакбек баяны Тоголок Молдонун, Абдыкалык Чоробаевдин, Үсөйүн ажынын, Балык Кумар уулунун айткан санжыраларына таандык.
Кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан Анжиян, Арканы бүт сураган Эшимкан деген хан болот. Ошол Эшимкандан – Тейитбек, андан – Курманбек, андан – Сейитбек. Сейитбектен – Шырдакбек дешет. Үсөйүн ажы Шырдакбекти ХVII кылымдарда жашап өткөн адам катары көргөзөт. Шырдакбек адегенде Анжияндын «Пайтак» деген жеринде жашап туруп, андан Нарын өрөөнүнүн «Үч куртка» деген жерине келип коргон салдырат. Үсөйүн ажыда кадимки Жаңыл мырзанын Үчүке, Түлкү, Атакозу, Чабак, Үлбүрчөк, Бургуй деген баатырларды өлтүрүп, кайра кара сакал Калматай башында турган тигил баатырлардын кунун куугандарга Шырдакбектин жардамы менен колго түшүргөнү айылат.
Мен Шырдакбек жөнүндө кийин Абдыкалык Чоробаевден уккам. Адегенде Үсөйүн ажынын айтканы боюнча баштап, анан Абдыкалык Чоробаевдин рабияты боюнча толуктайлы.
…Атасы Сейитбек Шырдакбек тогуз жашка чыкканда дүйнө салды. Адегенде булар Анжияндын «Жасы» деген жерин де турушту. Эл чогулуп, тогуз жашар Шырдакбекти Анжиян-Аркага хан көтөрүштү. Энеси Карача хандын кызы Шайдабү акылдуу ургаачылардан эле. Ордону өзү башкарды. Арадан үч жыл өткөндө Шайдабү хандыкты баласына өткөрүп берди. Балам: «Он эки жашка толдуң. Илгери Манастын уулу Семетей он эки жашка толгондо эли-жерин өзү издеп келген деген кеп бар. Эми сен өз ордоңо өзүң ээлик кыла турган кез келди! Досторго досчо мамиле кыл, байлыгым, бийлигим бар деп эсирбе. Бечарага бел, карыпка караан, калыс хандардан бол!» – деп дагы-дагы нуска сөздөрдөн айтты.
Ошентип Шырдакбек он эки жашында атасы Сейитбектин тагына олтурат. Адаттагыдай эле кырк жигит күтөт. Ал кезде Арка кыргыздары калмактардын каткалаңынан Анжиян тарапка сүрүлүп, баштарына күн түшүп, оор абалда калган учуру эле дешет. «Казак ачкалыктан кайың саады, кыргыз Гизарга сүрүлдү» деген макал ошол кезден эл оозунда айтылып калса керек. Шырдакбектин касташкан калмактары Дөлөн хандын небереси Чагай, Бака Манжы, Калдама деп аталган ноёндору болду. Булар кыргыздарга тынымсыз кол салып турушту. Ошондо Шырдакбекке кол алдындагы элин, жерин душмандардан коргоп калыш керек эле. Жоого миниш үчүн моюбаган тулпар ат керек. Мына Шырдак бек быйыл он беш жашка толот. Калмактарга каршы аттана турган мезгил жетти. Бирок жакшы ат табылбады. Бир күнү уктап жатса түш көрөт. Түшүндө бир аксакал киши ал мындай деп айтат: «Балам! Кармашарың кадимки каз моюн карат байлаган, хан Курманбекти жайлаган Дөлөн хандын небереси Чагай баатыр. Ага жакшы ат таап, ат жалында алышпасаң, чама-чаркың келбейт. Аттанып чыксаң мээ кайнаткан ысык чөл кездешет. Ошол Каракумдун чөлүнө барсаң, кара кудук бар. Ал жерге өрүү болуп, үрөң-бараңда жолго чыксаң, мелтиреп жаткан көлгө кездешесиң. Ошол көлдөн кичинекей боз кулунун ээрчиткен сарала бээге жолугасың. Ошол кулунду акырын кармап ордоңо алып кел, эч кимге айтпай үч жылы багасың. Ошол жерде кой кайтарган Кейбирбек деген таз баланы кошо ала кел. Сенин келечектеги «Боз жоргоңдун» саяпкери ошол Кейбирбек болот» – деп аян берет. Эртең менен ойгонуп, түшүн да жан кишиге айтпай өзү жоруп, гүлазыгын камдап үйүнөн аттанып чыгат. Акыры адегенде чөлдөгү кара кумду таап, кудуктун түбүнө түнөп чыгат. Баягы карыя дагы түшүнө кирет. Дагы баягы сөзүн кайталап: «Ат жакшысы – аргымак», «Буудан», Дулдул», «Жорго» деп аталып, ошол жорго колуңа эртең Кудай буюрса тиет. Сенин атагыңды ошол жорго чыгарат. «Шырдакбектин боз жорго» деп аталат. Касиеттүү мал. Анын үстүнө асты аялзатын мингизбе, кишмиштен жем берип, байтал бээнин сүтү менен бак, жан адамга көргөзбө» – деп түшүндө баягы киши дагы аян берет. Эртеси аттанып чыгып, шашке ченде кой жа йып жүргөн Кейбирбекке жолугат. Башы таз, колдору кара кычы, бутунда чарыгы жыртылып, буттары кесилип, жарылган жерлеринен кан агып турат. Эзелки таанышындай экөө эзилише сүйлөшүп, жетим бала Шырдакбек менен кошо кетүүгө макулдугун берет. Боз кулунду кармап алышып, экөө жолго чыгышат. Жолдон кербенчилерден бир ат сатып алышып, аны токулгалап, бир топ машакаттарды тартып, кайтып келишет. Жоргону жан кишиге көргөзбөй үч жылы багышат. Үч жылдан кийин касиеттүү «Боз жорго» кадимкисиндей күчтүү бышты чыкмага айланат.
Шырдакбек кыргыз-кыпчактан кол курап, далай жылдардан бери кыргыздарга өкүмүн жүргүзүп келген Чагай ханга беттешип, жоосун жеңип, айлына көп олжо менен кайтат. Кайтып келип чоң атасы Курманбек сыяктуу бул дагы шаар салдырып, эркин жаткысы келген. Ошентип Ак-Талаанын «Үч-Куртка» эмес, «Коңорчок» деген жерине коргонун салдырат. Инженердик-геология боюнча тоого чыкпай, өрөөндөрдө чакан отряддарды түзүп алып иштеп жүргөн кезимде ошол жергиликтүү эл айткандыктан, Шырдакбектин коргонун атайын барып көрдүм. Алабуга суусунун оң жак өйүзүндө тектирге салынган, эскилиги жетип чала-була ураган коргонду көргөзүшкөн. Коргондун чеке-белинде булак же жакын жерде суу жок. Куб формасында, узуну-туурасы бирдей. Коргондун ичине жыйырма-отузга жакын боз үй баткыдай. Кийин Шырдакбек оорулуу болуп жатып калганда, ушул коргондун дарбазасынан «Ак боз ат» менен секиртип өтүп, курчап турган калмактарга кыргын салып, башы чыдатпай ооруп бара жатканда кайра коргонуна кирип бекинип жатуучу экен. «Боз жорго» жөнүндө да бир топ уламыштарды айтышат. Жылкы баласынын асылы – жорго. Жүрүшү жумшак, басыгы тынч, арышы ыкчам. Жоргонун да толгон токой түрлөрү болот. Жол жорго, кой жорго, чапма жорго, чыгаан жорго дегендер болуп, алардын талыкпаган жана чаалыкпаган мыктыларын баатырлар минишкен. Ал чаалыкпаган аттарды, жорголорду «Тулпар» деп аташкан. Шырдакбек боз жоргосу менен алты шаар Анжиянды аралап, жоро ичип, шашкеде үйдөн чыгып, Анжияндан кайра бешимде үйүнө келүүчү экен. Кашкар менен Ташкенге бир күндө каттачу дешет. Минген аттары жакшы болгон илгерки баатырлар жоого оңою менен алдырышкан эмес. Курманбек баатыр минген аты баспай калып, жоо колунан мерт болгону баяндалат. Айрым окуяларга караганда Шырдакбек Жаңыл мырзага каршы барган эмес. Шырдакбекти Тоголок Молдонун санжырасында алар бирин бири жактырган кишилер. Жаңыл мырза Үчүке, Түлкүнү, Атакозу, Чабакты өлтүрчүдө экинчи жолу нойгуттардан кун кууп, сарбагыш менен саяктар барышканда Асыл деген жигиттин тилине кирип, алдоо менен колго түшкөнү Абдыкалык Чоробаевде башкача айтылат.
Чынарбай байдын Асыл деген баласы кун кууп баргандардын арасында болот. Ошол учурда калмактын ханы Бака Манжы нойгуттарды сан жагынан артыкчылык кылган аскери менен басып кирип, Жаңылга зордук менен нике кыйдырганы жатканда кун куугандар үстүнөн чыгышат. Адегенде кун куугандар «Алтын булак» деген кытай тараптагы бир жерге келишип, кара кой союшуп: «Эртең согушта Жаңыл карабет колго түшсө, аёо деген болбосун. Акырет кетишкен баатырлардын арбагына атап, ушул койдой мууздайлы. Эгер анттан-шерттен тайып, Жаңылды коргоочулар болсо, ушул койдой мууздалсын!»– дешип шерт кылышат. Ошентип олтурганда Жаргенттен күрүч алып келе жатышкан жедигер уруусунун жигиттери жолугуп, Жаңылдын тою өтүп жатканын айтышат. Анын чын-төгүнүн билип келиш үчүн Чынарбай байдын Асылын чалгынга жиберишет. Асыл ошол кезде 18 жашка толуп, күч-кубаты артып турган кези болот. Карапайым жолоочу кебетеленип, нойгуттардын айлына барса, чын эле Бака Манжы менен Жаңылдын тою өтүп жаткан экен. Тою бүтүп, отуз күнкү ойну калат. Жаңыл мырза болгонуна карабай Шырдакбекке тымызын киши жиберет. Бирок ал кезде Шырдакбек «башым» деп ооруп жаткан кези болот. Ким билсин? Балким, Шырдакбектин кан басымы жогорулап, башы ооругандыр. Ал кезде азыркыдай дарыгер-доктурлар барбы-жокпу ким билет. Шырдакбек сарбагыштар менен саяктардын бириккен күчтөрү «кун кууш» үчүн кеткендерин уккан. Бирок чогоол, оргу-баргы кыялы чатак кара сакал Калматайды, Аккочкор менен Канкыны, Ашыра, Калча баатырлардын Жаңыл мырза менен тил табышып, сүйлөш ө рүнө көзү жеткен эмес. Калың калмактарга даап кол салып, Жаңылды бошотуп аларына да ишенген эмес. Ошентип аттиң… – деп олтуруп калган дешет. Кендирди кескен кесел оору таш жүрөк баатырды мүңкүрөтүп таштаган. Калмактар мурдагыдай эле Шырдакбектин коргонун камалоодо. Тоонун булагынан суу алып, жердин асты менен коргонго суу киргизгенин баяндашат. Сепилдин чеке белине аң каздырып, аны суу менен толтуруп койгон дегени жалган чыкты. Эч кандай коргондун сырткы чекесинде андай казылган аңдар жок. Мен кайрылып урандыларды гана көрдүм. Жайчылык убакыт болуп, коргондун мерчемдүү жерлерине шурф каздырып, изилдөө жүргүзсөм болмок. Мага археологиялык изилдөө эмес, геологиялык изилдөө жүргүзүш керек эле. Ошентип санаа жетсе да, күч жетпей олтуруп, андан нары «Кошдөбө» тарапка сапарымды улантууга туура келди. Ошентип анын сүрөтүн да тартып алууга чамам келбеди. Эми кайрадан Жаңыл мырзадан сөздү баштайлы. Ант кени Шырдакбек, Жаңыл мырза бир доордо жашаган адамдардан болуп тургандыгында.
Мына эми Жаңылдын көзүнөн кара учуп, кыргызды көзүнө сүртө албай турганда Чынарбай байдын уулу Асылдын келгенин карачы. Азырынча экөө бирин бири көрүп сүйлөшө элек. Ошол жерлик бир карыянын үйүнө түшүп, аты-тонун ал жерге калтырып, өзү карыяны ээрчип тойго келди. Эл катары олтуруп, кымыз ичти, эт жеди. Ичкесуунун өзөнүн бойлой бир нече үйлөр тигилип, анда кыргыздын, калмактардын бектери, ноёндору олтурушкан. Суунун жээгине катар кемегелер казылып, анда тынымсыз эттер бышырылып жатты. Кырма кара табактарга толтура эттер салынып, учкаяк ат минишкен шамдагай жигиттер эт тартылчу үйлөргө ташып барып жатышты.
Кара жорго ат минген, көзү оттой жалындаган бир жигит күмүш кемер курчанып, үзөңгүнү чирене тээп той башкарып, табактардын туура тартылышын тескөөдө.
Асыл жанагы карыядан:
- Бул кайсы мырза? – деп сурады.
- Акырын айланайын, киши укпасын. Бул жанагы күйөөгө чыга турган Жаңыл мырза ошол – деди.
- Тойдуу тойго. Мени менен кире тартып бара жаткан жолдошторум бар эле. Ошолорго алып барып бергенге кешик кайрылышар бекен?
- Сурап берейин, – деп абышка Жаңылды көздөй басты.
- Кагылайын, эрке кыз! Береги жерде бир жигит жүрөт. Жолоочу элем, жолдошторум бар эле! – деп жатат. Ошого кешик-мешиктен бердирээр бекенсиң! Жаңыл мырзанын кабагы ачыла түштү.
- Чакырыңыз бери.
Ал Шырдакбектен келген жигит деп ойлоду. Келсе гана… экөөлөп, Бака Манжынын башы-көзүн балжа-булжа кылышса, колунун кычуусу канат эле го?
- Катынпоз! – деди ичинен. – Жанагы шуркуясынан чыга албай, анын көзүн карап жаткандыр! Эрке катыны бирди кылмак.
Ал заматта өзгөрүлө түштү. Кабагы бүркөлүп, аялзатынын күнүлүк ичи тардыгы заматта жанын кейитип жиберди. Абышка барып толмоч, жаңы гана көөп турган, менменсиген Асылды ээрчитип келди. Жаңыл тигил өспүрүм жигитке суроол уу карады. Андан эмес, бул жигит өзү айткандай жолоочу чыгар.
- Идишиң барбы?
- Бар!
Жигит куржунун тосту. Майлуу жамбаш, койдун жото жилигин баш кылып, куржундун бир жак көзүнө эт, бир жак көзүнө боорсок салдырып берди. Бирок ыңгыранган жигиттин шаша турган түрү жок.
Кечинде кыз оюн башталат. Асылдын ою ошого катышуу. Эбин тапса келин-кезектен бирдеме өндүрүү. Бул дагы оңой жигит эмес эле. Айткандай эле кечинде кыз оюн башталды. Асыл оюн башкара турган келин менен нечак таанышып, ошол айылдын жигиттериндей көп ичине аралашып кеткен.
- Жеңеке, жоолукту мага салагөр. Мен калмак арасында көп болуп, булардын сырын жакшы билип калдым. Мен калмакча ырдап, калмак кыз-келиндеринин жүрөктөрүнө чок салып берейин, – деп суранды.
Кечинде кыз оюн башталды. Оюнду башкарган келин ырдап келип, Асылга токмок салды. Экөө адат боюнча тура калып жар көрүштү да Асыл безеленте ыр ырдап келип, төрдө олтурган Жаңылга токмок салды.
- Кокуй, бул каяктагы адепсиз неме?
- Көзү бозоргон шүмшүк! Эми өлбөдүбү? – Үй ичи күбүр-шыбыр болуп жатты. Бака Манжыны кудай урду. Эшик кайтарган нөкөрлөрүнө буйрук берди. Тигил зөөкүр жигитти кемегедеги чокко боорун кактап кыйнап өлтүргүлө – деди. Жутунуп келе жатышкан нөкөрл өрдү эми Жаңыл тыйды. Ал кыргыздын салты ошондой экенин, кыз оюнда ар ким өз каалаган кишисине токмок са лаарын айтып тыйып койду.
Андан нары кыз оюн анчалык кызып кетпеди. Жаңыл эшикке чыгып бара жатып билгизбей, Асылдын ийнин таянып: «Эшикке шек алдырбай чык» – деп белги берип кетти. Те бир оокумда Асыл да байкатпай эшикке чыкты. Жаңыл күтүп туруптур. Көмүскө жапсар жер экен.
Жаңыл:
- Сен кандай кесирлүү-кесепет жигитсиң! Мени шылдың кылганы келдиңби! Калмак кашымда, каргаша башымда турса, душман тушумда, тушоо бутумда турса!.. –деп чындап ачуу ланып, Асылды чаап салмак болду. Асыл да оңой эмес. Ал дагы чамынып, Жаңылга катуу айтты. Тайсалдаган жок.
- Баса, сен кайдагы шуркуясың? Кыргыздан эр табылбай калгансып, кыраандарды кыйырдап салып, эми тапканың Бака Манжыбы? Эрге тунган экенсиң! Менин кабакта бугуп жатышкан Аккочкор, Каңкы, Калча эрлерим бар. Сенин кажылдаган калмагың гана эмес, кытайды бузаар демим бар!
Жаңыл мырза мындай өткүр сүйлөгөн сөздү ыңгыранган жаш өспүрүмдөн күткөн эмес. Асылдын сөздөрү катуу тийип, сөөгүнөн өтүп, чучугуна жетсе да жини кагылгансып жоошуй түштү. Мындай жаман сөз өспүрүмдүн оозунан чыгат деп күткөн эмес. Баса, айтса-айтпаса төгүнбү, Түлкү баатырды көрүп жактырган. Ар кылбай: «Соога баатырлар!» – деп нечен жолу кирип баргысы келген. Бул окуя мындан эки жыл мурун болгон эле. Анда Үчүке, Түлкү, Атакозу, Чабак, Үлбүрчөк, Бургуй деген баатырлар тирүү эле. Антип «соогалап» кирип барууга кыз жүрөгү батынбады. Ал эртеңкисин ойлоду. Анда балким «олжо катын» атыкмак. Анын үстүнө артынан жете келген Кабылбек карыя да шыкак берип туруп алды. Ошондо ушул эле Жаңыл мырза жаасын үч жолу кесеп, үч жолу колу барбай кайра тартып алган. Астафурулла… Ошондо Кабылбек:
- Ат балам! Жоо аяган жаралуу, башчыларын атып салсаң, калганы калтаарып калат!
Ошондо Жаңыл:
- Ата! Колум барбай жатат! – деген. Аны уккан ке-йикчээл чал:
- Деги эле нойгуттардын шору калың белем. Эркек болсо, жылкыңды тийген душманыңды эмнеге аяйсың. Олда куу тумшугум ай!.. – деп кокуйлап жатып алган. Жаңыл ит агытып-куш салып, эркекче өстү. Жагоо бийдин жалгыз эрке кызы болгон соң, аны ким кой демек эле. Жолборстон кайра тартпаган «Кер тайганы» бар болчу.
Ошол тайган ээрчий келген. Насили ит да. Союлган жылкылардын кан-жини тайгандын мурдуна өрдөп, чыдамы кетип шимшилеп душмандын кошунуна бара калбаспы.
Аны көргөн казан башында эт бышырып жат кандар:
- Чык! Бул кайдагы тайган?
Жаңыл мырзанын ит агытып, куш саларын мурун угуп жүргөн Түлкү:
- Ал тайган «Канчыктын канчыгы го!»
Бул суук сөзгө арданган Жаңыл адегенде ошол Түлкүнү, андан кийин Үчүкени жайлаган.
Бул жүйөлүү сөзгө сынып, олтуруп калды. Башка убак болсо намысына чымын кондурбаган баатыр кыз Асылдын башын курч кылыч менен топтой томолотмок. Көзүнө ошондогу Үчүке, Түлкү элестеди. Жаңылдын шаабайы сууп, же кубанганы же кейигени билинбей дендар болуп турду. Бир маалда жакшылыктан үмүт кылып, «Бака Манжынын кезеги келгенин билип, кайра өкүнүчүн кубанычы жеңип, аялдык назик кейишти билгизип, кылычын кынына салып:
- Ох, арам чечек! – деп Асылдын көзүнө сөөмөйүн кеседи. Анын көктөн тилегени жерден табылды.
- Айткандарың чынбы?
- Чын!
- Эмесе экөөбүз кадимки эле жеңе-кайнидей сүйлө-шөлү. Эртең мен жөө тамаша өткөрөбүз деп аттын баарын агыттырам. Жылкы кайтарган калмактарды бүт жайлагыла! Жылкыны жылдырып айдагыла. Ошондо жөө калмактарды кудай ала койсун. Манжынын башын өзүм кесип, укурукка саям. Мен Шырдакбекти жакшы көрөм. Ошого мени Аккочкор экөөңөр жеткиргиле! Калганын өзүм бүтүрөм.
Бирок Шырдакбектин абалы оор эле. Мурун Чагай калмак камалап жатса, эми ага Калдама келип кошулду. Шырдакбек чымырканып, «Акбоз» ат менен курчап жаткандарга сокку уруп турду. Жаңыл жиберген жигит Чагайдын колуна түшкөн. Аны «кайдан келе жатасың» десе жөнүн жашырып, өзү Кызылс уулук кыргыздардан экенин, Майстандагы таякелерине бара жатканын айтты эле ага ишенишпей, кыйнап өлтүрүшкөн. Камап жатышкан калмактар Шырдакбектин коргонунун сырын билүүгө айла-амал ойлошту. Ушунча күндөн бери суусу жок кантип оокат кылып жатышат деп таң калышты. Коргондун сырын, «Боз жоргонун» жөнүн билишке, ошондой эле келишкен сулуу аялзатынан болгон Шырдакбектин эрке айымын азгырып байланыш түзүүгө коргонго «жансыздарды» жөнөтүп турушту.
Баса, Шырдакбектин эрке айымы жөнүндө да эл оозунда сөз болуп жүрөт. Ай десең арктуу, күн десең көрктүү, аркар көкүрөк, алма баш, аялзатынан ажары артык, бирок эр кадырын элес албас, сулуулугу менен далайдын көзүнүн жоосун алып, бир көргөн эркектин эт жүрөгүн элжиреткен, махабат арзуусун күчөткөн, жалт этип астыртан караса ашыглык отун түтөткөн аялзатынан болот. Аны Шырдакбек өтө кадырлап, урмат-сый көрсөтүп багат. Пүллө менен түллөгө бөлөп, кытай жибегине ороп, өзгөчө мамык жасатып ага жаткырып, көңүл үн куунак, шат кылат.
Жагоо бийдин Жаңыл кызына карабай, Шырдакбек жаш, жалжал көзүнүн туткунуна айланып, анын жалындуу махабатына байланып калган. Жаш сулууга көз ти ет деп молдолорго тумар чийдирип тактырган. Карабоз койлорду союп, анын бейбелчектериндеги чучугун алдырып, ошого чачма күрүчтү жасатып бактырган экен. Шайкелең сулууга калмактын айттырган мухабат саламы таасирин тийгизди. Ал мындан да жогорку сый-сыпатты эңседи. Мындан да даражалуу турмуш күткүсү келди.
Эскертүү: жогоруда биз Шырдакбектин «Боз жоргосу» боюнча Үсөйүн ажынын маалыматынан алдык. Шырдакбек менен Жаңыл мырзанын махабатын Абдыкалык Чоробаевдин маалыматы боюнча алып жатабыз. Эмесе кайрадан Жаңыл мырзадан баштайлы.
Ошентип Жаңыл Шырдакбекке шакегин чыгарып берди. Асылга жолуккандан кийин бир аз санаасы тынгансып калды. Бул үксүйгөн калмактан кандай болсо да кутулгусу келген. Ал бир ууч нойгуттардын чабылып-чачылганын көргүсү келген эмес. Болбосо нечен жолу таптанып барып кайра тарткан. Калмактар менен кырчылдашып кетүү максатынан тайган. Аргасыздан калмакка тийүүгө макул болуп, жашыруун Шырдакбекке киши жиберип анын келишин күтүп жаткан. Муну биз жогоруда да эсерткенбиз.
Чынарбай байдын Асылы эртеси шашке ченде кошунга барып көргөн-билгенин толук айтып берди. Бирок «Жаңыл колго түшсө аёо жок» – деп антташып коюшкан. Асыл Аккочкорду чакырып алып шакекти колуна карматты. Шырдакбекке Тейиш хандын балдары бир ата жакын экенин жогоруда эскерткенбиз. Жаңыл менен болжошкон күнү кун кууп келгендер жылкы тийишти. Калмактардын аттарын кошо тийишкен. Жаңыл шек алдырбай бастырып чыккан. Болжошкон жерге барса, чын эле Аккочкор менен Асыл күтүп турушкан экен. Курал-жарактарын бүт алышып, кошунга өзүн жетелеп барышты, ал жерде тургандар аки-чүкүгө карабай Жаңыл мырзаны жүндөй сабап жатып калышты. Асыл болуша кетти.
- Убада бул эмес эле. Колунда куралы болуп, беттешип туткунга түшүрсөңөр бир жөндүү. Койгула! – деп албеттүү жаш жигит ар кимисин ар кай жерге ыргытып, арачалап аман алып калды. Аккочкор кылды кесирди, ошентип Жаңылдын сооту бойдон чечилди. Чачы саксайып жайылып, дүрүйө көйнөгү туш-тушунан бөлүнүп, кордукту көрдү. Далай агын сууларды кечишип, далай ашууларды ашышып, Сары өзөн Чүйгө алып келишти… Кара алачык тиктирип, буту-колуна кишен салып, суу кийиздин үстүнө майда кум төктүрүп, кароол коюлду. Өз жанын өзү кыя албай, өлбөстүн күнүн көрүп күндөр чубуруп өтүп жатты. Жыламыштын суусунун боюндагы топ камышта бир карачаар жолборс пайда болуп, өткөн-кеткендерди баса калып жеп, кишичил болуп кетиптир. Жаңылдын кыз кезинде жолборско аңчылык кылганын угушуп, курал бербей ошого жетелеп алып барышат. Жаңыл:
- Мага кыл аркан бергиле – дейт. Кыл аркан менен чырмалып, колуна көк союл алып барып, жолборсту жайлап салат.
Кыскартып айтканда, жолборсту жеңип, Жаңылды Кал матайга алып келишет. Үсөйүн ажы Калматайдын иниси Ормотойго алып бермек болот. Ошентип көп кордукту көрүп, акыры туткундан качып чыгып, артынан Масейил баатыр кууп барса, аны белде жайлап, андан нары жүрүп олтуруп өзү туулуп-өскөн жерине аман-эсен келет. Жолдон Аккочкорго тиешелүү сексен төөнү жүгү менен колго түшүрөт. Уйгур кыздын калыңына жөнөткөн төөлөрүн, жүгүн кайтарып алыш үчүн Аккочкор менен Каңкы да Жаңылга барып өлүшөт. Шырдакбек бейт ап болгондуктан туугандары Аккочкор «Боз жоргону» сурап барып, атты минишип, Жаңылга каршы барабыз дешип, жаанын огунан өлүшкөн эле. Жаңыл «Боз жоргону» таанып, бир илбирстин жана жолборстун терисин үстүнө жаап, Шырдакбекке атын кайра тартуулап, жигиттеринен жетелетип жиберген экен. Башын төшөкт өн араң көтөрүп, жигиттерге:
- Жаңылга айта баргыла! Кудай аман койсо эмдиги жылы теке айынын он бешинде Аксайдагы «Кулжа мүйүздүн» сайынан жолугушалы! – деп салам-дуба айттырат. Муну угуп турган эрке катыны аны башкача ойлоп, боз үйдө кишмиш берип, байлап-таптап турган «Боз жоргосун» босогодон шыкаалап көрөт. Кейбирбек жал-куйругун тарап, тазалап жаткан экен. «Боз жорго» байланган үйгө кирип барып:
- Кейбирбек! Макул десең, калмактын ханы Чагай баатырга качалы. Ал мага көптөн бери сөз салып жүрөт. Мен коргонго түтүк аркылуу суу кирээрин айтып койдум. Жакында бул коргондо суу болбойт. Калмактар алыш башатын аз күндө бүтөтөт. Баары бир Шырдакбектин башынан бакыт тайды. Буга Кейбирбек макул болот. Ошентип экөө качып чыгышат. Чагайга келип:
- Мына касташып жүргөн касыңдын аты. Мен анын аялымын. Бул болсо, – деп Кейбирбекти көрсөтүп, – Шырдакбектин атын таптаган саяпкер. Шырдакбектин кеңешчиси – деди эле, ошол замат анын кабырга, омуртка сөөктөрүн кыйратып, ажаан иттерине тирүүлөй салд ырды.
Жакшылыкта жолдош болуп, башына иш түшүп, оорудан мүңкүрөп турганда тузуна карасанап, чыккынчылык кылгандыгы үчүн кезек анын катынына келди.
- Сени кандай бакчу эле? – деген суроого жогоруда айткан сөздөрдү кайталады. Жаалы келип элин жыйып, гаремдеги катындарын алып келип:
- Эл-журт уккула! Береги аялзаты мени менен касташып жүргөн Хан Шырдакбектин катыны. Бул аялзатын Шырдакбек бапестеп баккан. Пүллө менен түллөгө бөлөгөн. Сан карабоз койдун бейбелчегин чактырып, ошол бейбелчектин чучугун алып, анын майына палоо бастырып берип баккан экен. Эми Шырдакбек кесел болуп, төшөк тартып жатып калганда, бул айым чыккынчылык кылып, жалгыз көзгө басаар атын мине качып мага келип олтурат. Мен бул аялзатына өлүм жазасын буюрд ум! – деди. Төрт жулкунган азоолорду кармап келишип, анын куйруктарына буту-колдорун байлап туруп, коё беришти. Ошентип эрке катындын күнү бүттү.
Шырдакбекке кат жазды. «Баатыр, мурда куру намыс менен эзелки кекти кубалап, душмандашып жүрдүк эле. Сенин жоргоң колдо турат. Келип, достошуп, атыңды алып кет».
Бул кабарды алып барган калмак жигиттерди Шырдакбек сыйлап, астыларына ат мингизип, үстүнө тон жаап, сый менен жөнөтөт. Айтканындай башын канжыга менен бек байлап, үстүнө туулга кийип өңү астыңкы хан Шырдакбек касташып жүргөн калмагына барып дос тошуп, кайра жолдо келе жатканда каза болот. Аны угуп Жаңыл кадимкидей кошок кошуп ыйлаган деген нукура нуска сөзүн ыраматылык Абдыкалык Чоробаев айтып берген эле.
Анда 1951-жыл болуучу. Ал киши менен май айларында бир жерде чогуу олтурганда уккам. Баса Бака Манжыны кун кууп келишкен сарбагыш менен саяктар өлтүрүшкөн экен. Калдамасын, анын беш жолдошу менен кадимки «Көкарт» ашуусунун түндүк тарабындагы белде Жаңыл мырза өлтүрөт.
Жапар КЕНЧИЕВ
ЭР ТАБЫЛДЫ
Эл турмушунда эстен кеткис эчен окуялар, кыйын кезеңдер боло келген, боло берет. Ошол кыйын кезең окуялар узун сабак сөз болуп, ырга кошулуп, көлөмдүү дастандарга түрмөктөлүп, аспаптык күүлөрдө жаңырып, унутулбай муундан-муунга мураска өтүп, улуттук адабиймузыкалык дөөлөттөрүбүздү түптөп келет. Мына ошондой кыйын кезеңдердин күбөсү, улуттук дөөлөт үбүздүн бир шиңгили – «Эр Табылды» баянында.
Бул баатырдык эпос Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө бирдей тарагандыктанбы, анын варианттуулугу да арбын. «Эр Табылды» баянын алгач Кайым Муптак уулу 1923-жылы Сыр дарыя өрөөнүнөн жазып алган. Эпост ун дагы бир вариантын Илимдер академиясына Жума Жамгырчы уулу тапшырган. Эң кийинки вариант Актан Тыныбек уулу тарабынан 1940-жылы китеп болуп басылып чыккан.
«Эр Табылдыны» акын, ырчылар өз обону менен айтышкан. Аспапчылар ошол обон нугунда «арман», «кошок» мотив дүү «Эр Табылды жалгызым», «Табылды менен күкүк» аттуу күүлөрдү жаратышкан. Бул эпостук дастан-күүгө кезегинде Арстанбек, Абак, Күрөңкөй, Боккөтөн, Ныязаалы сыяктуу өткөн кылымдын залкар күүчүлөрү, Токтогул, Карамолдо, Ыбырай баштап кийинки чыгаан комузчулар кайрылышкандыгы жөнүндө укканыбыз бар. Бирок радиобуздун алтын казынасында Асанаалы Кыштообай, Жали Аалы уулу, Абдыкерим Мокой уулу жаздырган азгантай күүлөр гана сакталып турат.
Кандуу кармашта оор жараат алып, ээн талаа, эрме чөлдө, эрмектешээр адам жок, күкүк кушту караан кылып, кайрылып тургандагы аянычтуу абал комуз күүсү үчүн тандалган сыягы.
Алайлык кыякчы-комузчу Жали Аалы уулу «Эр Табылды менен күкүк куш» жөнүндөгү күү баянын журналист Буудайбек Сабыр уулуна мындайча айтып берген:
Токсон калмак мен жалгыз, күкүк, Томугум жара ок тийди, күкүк.
Толгоно албай жатамын, күкүк.
Алтымыш калмак, мен жалгыз, күкүк. Ашыгым жара ок тийди, күкүк, Айлана албай жатамын, күкүк. Карлыгачка барсаңчы, күкүк, Кабарын анын алсаңчы, күкүк.
Эр Табылды жалгызың,
Ээн жерде калды де, күкүк, – деп жаралуу баатыр күкүккө кайрылат.
Күкүк учуп отуруп, таң жаркырап күн чалганда Карлыгачтын ордосунун чамгарагына келип конот. Ошондо күкүктү көрүп Карлыгач агасынын жайын сурайт.
Куу арча башын сактаган, күкүк, Куйругун күнгө кактаган, күкүк.
Жалгыз агам Табылды,
Калмакка кетип жок болду,
Андан бир кабар алдыңбы, күкүк?
Анда күкүк:
Табылдыны мен көрдүм.
Кабарын айтып мен келдим.
Токсон калмак, ал жалгыз, Томук жара ок тийип, Толгоно албай жатыптыр. Суусап жаткан баатырга, Тумшугум менен суу бердим.
Канатым менен кар бердим.
Кайнатма кара дарыны,
Кырма кызыл баарыны,
Ак куржунга салсын дейт,
Ак тулпарын минсин дейт,
Алты күндүн ичинде,
Ат аябай келсин дейт. – деген кабарды айтат.
Карлыгач күндөп-түндөп жол жүрүп, Табылды жаткан жерге жетип келет. Алып келген дарыдан аздап-аздап ууртатып, кайнатма кара дарыны сыртынан сүй көп, кырма кызыл дарыны ичтен берип, агасын айыктырып, аман-эсен элине барган экен.
Нарындын башы Караташта жалгыз калган Эр Табылды Арчаторуну танап жип менен аркандап, Алмабаш мылтыкты октоп, ак тердигин жая салып, ак каңкы ээрди жазданып, арманын айтып жаткан эле. Табылдынын жанындагы ак теректин башына күкүк конуп сайрай баштады. Ошондо күкүккө карап:
Күйүттүү дартка кез болуп, күкүк, Күймөнө албай жатамын, күкүк.
Таңдайым катып так каттым, күкүк. Жаныбарым, күкүк куш, Жатканымды көрсөңчү.
Куш да болсоң түшүнүп, Айлыма кабар берсеңчи.
Энекеме кез болсоң,
Табылдынын үнү деп,
Тартынбай кабар берсеңчи, күкүк.
Ардагым жалгыз Карлыгач, «Агаңдын жайы мындай» – деп, Айтууга туура келсеңчи, күкүк. Жалгыз балам Шайымбет, Аман-эсен бар бекен?
Андан бир кабар алсаңчы, күкүк.
Он алтымдан кошулган,
Оопалуу жарым, Чачыкей, Буга кабар берсеңчи, күкүк.
Кабарга кеткен Эрмек жок, Каттаган кыргыз көп элден, Кайрылып кабар берген жок. Менин ичим бир жалын, Тышым чок, күкүк.
Канаттуудан сен жалгыз, күкүк, Катагандан мен жалгыз, күкүк Бекзаададан мен жалгыз, күкүк. Канатыңа кат жазсам, Куйругуңа мөөр бассам,
Катымды алып зыпылдап,
Кара тоону сен ашсаң,
Кабарын алып тез кайтсаң, күкүк… – деп акылдан тайып алсырап, ашыкта жара чатырап, кара сан күпчөк тунарып, кайраты кетип кубарып жаткандагы абалын дагы башка комузчулар күүгө салып чертип келишет. Арийне, канаттуу куштар менен баатырлардын ортосундагы мамиле байыркы түрк, монгол эпосторунда кеңири чагылдырылып келгендиги белгилүү. Бул жагдайда казактардын «Алпамыш» эпосунда жапайы казды, «Козу Көрпөш, Баян сулууда» каракучкачты, Хакас дастандарында чабалекейди, байыркы кытайларда көгүчк өндү байланышчылык кызматка пайдалангандыгы жөнүндө айтылса, кыйын кырдаалда кыргыздар күкүк куштан кабар алышканы бар.
Күү тарыхында калган «Эр Табылды жалгызым» ким өзү? Тек-жайы каякта? Бул суроого алгач Актан Тыныбек уулу жазып калтырган эпостон издөө салсак, анда Эр Табылдыны кадимки Кан Кошой чыккан Катаган уруусунан табабыз. Жазуу чу Орозбек Айтымбет уулу Кетрен деген молдонун «Катагандар тарыхы» деген санжырасына таянып, Эр Табылды дарегин төмөнкүчө чечмелөөгө аракет жасаган: Эңчегер бойлуу эр Эшимкан Турсунду өлтүрүп, ордосун ээлеген соң, катагандарды катуу куугунтукка алат. Ошондо катагандар чачылып Самаркан, Ташкен, Кокон, Көлөп, Кашкарга оогондон калгандарын Каркырага көчүрүп калмак бетине салган. Калмактар менен болгон чапкындарда катаган элин канжыгалуу Карач баатыр баштаган. Дагы бир санжыра сабында, кыргыз Ысар кирип, казак кайың сааган замандын соңунда катагандар байыркы мекени Кошой-Коргонго кайтып, андан Жумгал тарапка келишет. Ал кезде Көл айланасын калмактар ээлеп турган. Туулуп-өскөн жери көздөн учкан эл:
– Бу калмактарды Көлдөн айдап чыгар эр табылар бекен? – деп тилек кылып, келечекке үмүттүү карай беришкен. Качан канжыгалуу Карач баатыр кырк жигит курап, Көлдөгү калмактарды жапырып чаап киргенде: – «О, Кудай, Көлдү куткарчу Эр табылды го, баатыр табылды го?» – дешип кубанышкан. Акыры бул кеп элге тарап, «Карач баатыр» аты калып, «Табылды баатыр» аталып кеткени ошол. («ЛЖ» 1986, 13.06.)
Эр Табылдыны Орозбактын беш мырзасынан алып келип, Арык тукуму уруусуна ыйгарган санжырачы Абдылда уулу Абылдын да билгени бардыр, анткени Айтымбет уулу Орозобек айткандай, калайман замандар капшабында чачылып, чоң уруул арга тарамдап тамчы суудай сиңишип кеткен бир кездеги калдайган катагандардын урпактары кайда калбаган дейсиз.
Бирок, Табылды баатырды кыргыз эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн эл-жерин коргоочу баатыр, көл кыргыздарына өз мекенин кайтарып, боштондук алып берген азаматтардын бири катары жүрөгүндө бекем сактап келаткандыгы анык.
Кыргыздар байыртадан таш көтөрүп, тамга басып, аскага сүрөт чегип, жазма салып дегендей эрдик менен алптыктын, баатырлык менен балбандыктын белгисин эсте ликке калтырып келишкен.
Табылды баатырга байланышкан эчен табигый-тарыхый белгилер күнү бүгүн сакталууда. «Алп Табылды Ат-Башыдан аттанып, Барскоонго келип, Чалкалмак курдурган чептин оозун бекиткен кара ташты көтөрүп, эшик-төрдөй жерге ыргыт каны:
Чебин таштан жыйдырган,
Чеберлик менен кыйдырган
Дарбазанын оозуна,
Үйдөй болгон кара таш, Дары менен тундурган. Жетимиш балбан биригип, Жерден араң жылдырган. Көтөрүп келип Чалкалмак, Өзүнүн күчүн сынаган.
Эр Табылды берениң, Арчатору буудандан,
Арбайып жерге түштү дейт.
Атам Эрмен колдо деп,
Айкөл Манас жолдо деп,
Ээрдин тиштеп кашкайып,
Эңкейе түшүп таптанып,
Эки имерип чактанып,
Эмчекке такай көтөрүп,
«Эл качкыла мындай!» – деп, Эшик төрдөй ыргытып,
Басып кетти даңкайып.
Мына ошол алачыктай кара таштын ортосунда бычак менен тилгендей из бар. Бул из кылычтыкы деп айтышат. Бир бетинде ийри-буйру белги, бир бетинде жазуу бар. Жазуунун мааниси «артымдан келсең ушул таштай талкалайм» дегендикти билдирсе керек. Таш күнү бүгүн «Табылды тамга ташы» аталып келет.
Чалкалмак жерден үңкүр каздырып аңдып жатып, Табылдыны бутка аткан жерге кийин айыл түшүп, «Жер үй» кыштагы аталып, Табылды Чалкалмакты тосуп жаткан аймак кийин «Тосор» аталып, Чалкалмак өлгөн жер «Чалкалмак өлгөн дөбө» аталышы күнү бүгүн күчүндө. Эр Табылды менен Чалкалмак алгач Каракаман кандуу суу үстүндө беттешкен:
Чалкалмак менен Табылды
Суу үстүндө таанышып,
Темдеңдешип агышып,
Калканды баштан жулушуп, Канжар менен урушуп,
Дайранын ичин жол кылып, Далай жерге барышкан.
Мылтыктары суу болуп,
Чокмор менен салышып,
Эр Табылды берениң
Эңкейип колдон алганда
Көкбөрүчүл түгөнгүр,
Ээрге жапма салганда,
Саадактай буурул сакалын
Орой кармап тутамдап
«Сенден алган энчим» – деп,
Бир жагын жулуп кайтканда,
Үйдөй болгон кара таш,
Ортосунда болуптур,
Табылды менен Калмакты, Күркүрөгөн чоң дайра,
Ошондо эки жакка бөлүптүр.
Эки баатырды ажыраштырган ошол кара таш да билгендер үчүн ыйык эстелик болуп, көзгө жылуу көрүнүп, Каракаман дарыясында карааны алыстан заңкаят.
Устадан чапкан дат калсын, Молдодон китеп кат калсын.
«Тосор», «Тамга» белгимди, Толук кыргыз даңктасын, –
деп эстелик белгилерин урпактар унут калтырбаска таштап кеткен окшобойбу, кайран шер.
Жандуу тарыхтын күбөсү болгон ошол даяр эстеликбелгилердин баркы-баасына жетип, даңктай жүрсөк кана! Кыргыз жеринде мындай тарыхый белгилер азбы? Жетишээрлик. Аларды суук колдон коргоп, жасап-түзөп, тазалап, көрүнүктүү жерге мемориалдык такта илип, өткөн-кеткендер аялдай турган жайга айландырып бата тартсак, бабалардын арбагы кайта тирилип, оң капталына бир оодарыла түшпөс беле, атаганат! Орто кылым чыгармаларынын каарманы Дон Кихотко байланышкан жайларды (жел тегирмен ж.б.) күнү бүгүнкүдөй сактап, селдей каптаган туристтерге тааныштырып, бир жагынан алардын чөнтөктөрүн кагып алып жаткан Испаниядай өсөр элдин даанышмандыгын карабайсыңбы? Көзү өткөн баатырларыбызга эстелик коюу мындай турсун, өз колу менен калтырып кеткен белгилерин мураска уруна алдыкпы?! Тескерисинче, бөтөн жерден бир жолу келип кеткен адамдардын аттарын жер-сууларга марттык менен коё койгонго, эң кооз аймактарга заңкайган эстеликтерин орното салганга шаш каныбыз ай!.. Башкасын айтпайлы, Чалкалмак баатырдын чеби нин чегине Гагаринди калдайтып орното салганыбызды карасаң? Чалкалмак да, Табылды да эл жүрөгүндө кыттай уюган тарыхый ысымдар го. Аларга эстелик жарашпайт бекен? «Өз агасын агалай албай, өзгө аганы сагалаган» жоругубуз жолдо калар күн качан?
Эр Табылды окуясын качан, кайсы мезгилде өткөн, аны так кесе айта албасак да, окуя Ойрот-Жунгар дооруна такаларын, тагыраагы, калмак баскынчылары Ысык-Көл кылаасынан сүрүлө баштаган 1750–1755-жылдар чамасын болжолдоо ынанымга жакыныраак. Эгерде Орозобек Айтымбет уулун ээрчисек, дагы бир кылым нары жылчудайбыз, анткени андагы эскерилген Кан Турсун, Эр Эшим чатагы 1627-жылдар салаасында жатпайбы?..
Айтмакчы, жазуучу Орозобек Айтымбет уулу Чалкалмак баатыр жаатында да эң кызык дарек таап, анда Чалкалмактын укум-тукумдары Текесте жашай тургандыгын, алар өзүнчө бир чоң айылды түзөрүн, Чалкалмактын өз тукумунан чыккан Жерлик карыядан укканын жазган. Карыя демейдегиден өтө чоң, жазы кылычты: «Бабабыз Чалкалмактын кылычы» – деп көрсөтүп, «Бабабыз Чалкалмак Нарындын боюнда Табылдыдан катуу чабылып, түн бою Калмак а шууну ашып, Акшыйрак аркылуу Аксуу шаарына түшүп, Бозадыр аркылуу Текеске келип туруп калган. Табылды Кашкардагы калмактарды талкалап, келин-кыздарын Ысык-Көлгө айдап кеткен. Ошол жактан мангул-сарттын кызын алып, андан тукум тарап, сарткалмак атка конуп кетиптир…» – деп айтып берген.
«Биз эл ичинде түркүн уламаларга дайыма эле сергек мамиле кыла бербейбиз,– деп сөзүн улайт жазуучу,– көп учуру ага жалган нерсе катары кол шилтеп коёбуз. А мобу даректе Чалкалмактын Калмаккүрөөдөгү тукуму өзүнчө бир чоң айыл болуп жатса эмне демекпиз?
Тек кана, анын артынан түшүп изилдешибиз керек. Элибиздин басып өткөн жолунда бизге белгисиз, бирок артынан түшүп изилдесе табыла бере турган кундуу даректер арбын. Тарыхчылар менен жазуучулар мындан кыя өтпөшү керек. Сандырактаган аңгеме жазгандан көрө эл тагдырына байланыштуу бир кундуу дарек таап, ошону чыгармага айландырса, алда канча баалуу эмеспи» (аталган макаладан).
Калети жок сөз. «Эр Табылды» сыяктуу эпосторубузду кагаз бетинде гана калтырбай, эл тамырын тартып, тарыхый чындыктарын тастыктоо андан бетер кымбат, аны кечик тирүүгө болбойт.
Мурунку өткөн заманда алты миң үйлүү Катаган эли бар, Каратоо деген жери бар. Ат-Башы, Нарын жердеп Омокан деген өткөн. Омокандан – Ормонкан, Эрменкан. Ормонкандан бала жок. Эрменкандын калмак аялынан – Кудайназар. Кудайназардын жети уулу болуп, өзүн өзү бийлеп, өз алдынча сүйлөп, бөлөк айыл болуп, бөтөн сууга конуп, Эрменкандан эл талашып, эрегише чыкты.
Эрменкан элүүгө келгенде Нойгут элинен Агача деген кызга үйлөнүп, он жылдан кийин Табылды аттуу балалуу болду, анын соңунан Карлыгач деген кыз төрөлдү. Табылды он үчкө чыкканда атасы өлүп, кийинки жылы Соңкөлдө атасына аш берди.
Күндөрдүн биринде он миң кол алып, кошуунду кабат мол алып, Чалкалмак баатыр Үчнуранын башынан Табылдынын жылкысына тийди. Табылды Эл дияр, Эрмек достору менен кырк жигитин баштап келип, жылкыларды кайрып алып, Карасаздын талаасына жайып таштап, Чалкалмактын жолун тосту. Алтымыш баатыр менен өзү чапкан Калмак ашуунун белинен Чалкалмак да конуш алды. Эки баатыр Каракаман суусунан беттешип, алыша албай ажырашты.
Калмактар жүздөн бөлүнүп, алыстан аткылашып турду. Ушул түр менен жети күн удаа жүздөн калмак келип турду, келгендердин жазасын Эр Табылды берип турду. Чалкалмак болсо Каракаман, Тешиккөлдө кароол коюп, жерден үңкүр казып, Табылдыны аткылап өңүп турду.
Жойболот алып колуна,
Табылды ойлоп намысты, Үч калмакты чапты эле, Булар жайын тапты эле.
Төртүнчүгө жетээрде,
Аны да шилтеп өтөөрдө, Сыр бараң үнү тап этти, Табылдыга чап этти.
Оң бутунун ашыгын, Омкоро жаздап ок өттү. Ашыкты көзөп кемирип, Аяктай эти бөлүнүп.
Аттан ооп баатырың,
Түшүүчүдөй көрүнүп,
Эси эндиреп тунарып,
Эки көз болуп мунарык…
Жаны кейип турганда Элдияр жетип келип, уруш талаасынан алып чыгып, жаратын дарылай баштады. Азын-көбүн олжосу менен кырк жигитти элге кайтарып, Табылды менен Элдияр Манастын күмбөзүнө зыярат кылууга Таласка аттанып кетишти. Ал жерде табып-дубанага көрүнүп, оорусунан оңоло түшкөндө элине карай жөнөштү. Бир нече күн жол жүргөндө Табылдынын буту күчүркөнүп, кайра жатып калды. Аркар, кулжа атып келип, Табылдыга калтырып, Элдияр элге сапар алды.
Арадан алты-жети күн өткөндө, Элдияр кайра келип, Табылдыны айыктырып, аман-эсен эл-журтуна кошулушту.
Дагы бир мезгил өткөндө Чалкалмакка барууга сөз токтотушуп, токсон киши алып, Балкартты басып, Барскоондун белин ашып, Чалкалмактын чеп дарбазасын ачып, Ысык-Көлдүн жээгине чыгышып, короо-карагайдагы сан карабоз жылкыны тийип алып, Керегеташтан өтүп, Барскоон менен Тамгага келгенде отко темирди кызытып, тай кунанга бүт тамга бастырып, андан Тосорго келип, Чалкалмактын жолун тосуп жатты. Ал аңгыча болбой чоң найза колдо солкул дап, сыр бараң жондо жаркылдап, боз кисе жанда салпылдап, асыл таштан чөгөргөн көз айнек маңдайында жаркылдап, алды жагын карабай, адам бар деп санабай, ачуусу ичтен тарабай, кара боз тулпарын каргытып, Чалкалмак чыкты майданга. Опол тоодой зор калмак туура тушуна келе бергенде атын атып, очорулуп жөө калганда, өзүн сай ып өлтүрдү Табылды. Башчысынан айрылган душмандар башаламан кайра качып, кыргыздар сая кууп баратканда Чалкалмактын Кеңсуудагы айылынан Торкобек сулуу Табылдыны тосуп чыкты.
Таэжеңдин сөзүнө, Табылды, кулак салыңыз. Калмак менен кыргызды, Калк кылаар жолго барыңыз. Кандын кызы Торкобек, Кашыңда турат тааныңыз.
Калган элди соогага берүүгө кандай чагыңыз? – деп акылы артык айлакер кыз айыгышкан эки жоонун ортосуна түшүп, калаймандуу кармашты токтоткон дейт. Табылды баатыр Торкобекти Элдиярга алып берип, алтымыш үйлүү калмакты элине кошуп алган экен. Сөзүб үздүн акырында тарыхка кайрылып көрөлү:
Калмактар XVII–XVIII кылымдарда кыргыз, казак, уйгур элдерине баскынчылык жортуулдарды уюштуруп, ага туруштук бере албаган уруулары Каратегин, Ысар тарапка журт которууга аргасыз болушкан. Ушул аралыкта калмактардын бир тобу Кытай Манжу тарабынан кырылып, бир катары Цин империясынын соккусунан талкаланып, бир даары башпааналап Ысык-Көлдөгү Каракол тарабында калып калышкан.
Бүгүнкү күндө кыз алышып, уул үйлөшүп, бир эл, бир журт болушуп, ымаласы биригип, Каракол шаарына жамаатташ жашаган сарткалмактар эпост о баяндалгандай Табылды менен Торкобектен берки алтымыш үйлүү калмактын урук-журттары болуп жүрбөсүн.
Асан КАЙБЫЛДА уулу
АТАКЕ БААТЫР
Кийинки мезгилдерде окумуштуу, тарыхчы, академик В.М.Плоскихтин «Достуктун башаты», тарых илимдеринин кандидаты Д.Б.Сапаралиевдин «Кыргыз элинин XVIII кылымда орус жана коңшу элдер менен карымкатнаштары» аттуу эмгектери жана республикалык басма сөз беттерине бир нече материалдар басылып, жазуучу Стамовдун «Жортуул» аттуу романы, акын А.Рыскулов дун «Кийиз коңгуроо» поэмасы чыкканына карабай, ушул убакытка чейин бул тарыхый ири инсан жөнүндө ата йын тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлүп, ал жөнүндө өзүнчө тарыхый китеп (тарыхый эмгек) жазылбай жаткандыгы тарых илимин өнүктүрүүдөгү ири кемчилдик болуп саналат.
Ал эми жазылган эмгектер Атаке баатырдын эл алдындагы эмгегин, тарыхый ишмердигин толук чагылдырып көрсөтө элек. Ошондуктан, кийинки мезгилдеги чыккан тарыхый жазмаларды, элдик санжыраларды, адабий чыгармаларды кеңири пайдаланып, Атаке баатыр жөнүндө кеңири маалымдоого убакыт жетти деген ой добуз.
1718–1722-жылдары орто жүз, кичүү жүз казактарын, Ысык-Көл, Чүй, деле бүт Түндүк Кыргызстанды жунгар фео дал дары басып алган. Жунгарлардын Казакстанда, Кыргызстанда болгон чабуулу өзгөчө жырткычтык, кан төгүү жана ырайымсыз уруп-согуу менен жүргүзүлгөн. Бул окуяны казак окумуштуусу Ч.Ч.Валиханов төмөнкүчө сүрөттөгөн: «Түрү суук, ырайымсыз жунгарлардын куугунтугунан казактар, кыргыздар корккон топ-топ сайгактай, жолго өздөрүнүн буюм-тайымдарын, балдарын, карыларын, үй оокаттарын, арыктаган малдарын калтырып, түштүккө качып, oрто жүз Самарканддын, кичүү жүз Хиба менен Бухаранын жанына токтоп, ал эми үмүтү үзүлгөнчө корккон буруттар (кыргыздар) Болордун кол жеткис өрөөнүнө жана Гиссардын чет жакасына чейин жетип токтошкон. Бул окуя ны «казак кайың саап, кыргыз Ысар, көлөпкө кирди» деген эл оозундагы эскерүүсүндө калган (Д.Б.Сапаралиев. «XVIII кылымда кыргыз элинин орус жана башка коңшу элдер менен болгон мамилелери» 27–28-бет.)
Ушул кандуу алааматта Тынай бий эли менен Гиссарга жетпей, Анжиян жерине токтоп калган экен. Тынай бий Анжиян жергесинде жердеп туруп, баласы Атаке ошол жерде бой жетип, Таластан келген саруу Олжокенин баласы Бердике менен бирге чоңоюп, өз жерлерине кайтып келип, жунгарлар басып алган кыргыз жерлерин бошотууну алдыларына максат кылып коюшкан. Атаке менен Бердике ошол Анжиянда жүргөн мезгилдеринде Тынай бийдин согуш жоокери Эр Солтонойдун колунда машыгуудан өтүшкөн. Атаке баатыр дайыма найза сайып, шалк этме шилтөөчү экен. Бердике жайдак атка минип, кылыч чаап, ай балта согуп, чаап бара жаткан аттын боорунан өтүп, кайра ордуна минип, душманды алагды кылууга машыккан. Ошентип, бул эки жигит көнүгүүсү бүткөндө тегерегине жоокер жигиттерди чогултуп, аларды да атка жүрүүгө, жаа тартып, мылтык атууга үйрөтүп, жунгарлар басып алган Түндүк Кыргызстанды бошотууга кызуу камынышкан экен. Жаш жигиттердин бул максаттарын Тынай бий жана Анжиянд а жүргөн кыргыздар кызуу колдогон.
Ушул мезгилде жунгарлардын эң күчтүү ханы ГалданЦерен дүйнөдөн кайтып, анын хандыгын бир нече мурасчылар талашып, алардын ортосунда кан төгүлгөн катуу согуш чыккан. Мындай абал мурасчыларды колдогон ар кандай жунгар топторунун ортосундагы элдешпес чатакка алып келип, мамлекеттин согуштук жана экономикалык күчүн начарлаткан. Бул абалдын натыйжасында жунгарлар басып алган Орто Азия элдеринин жалпы элдик боштондук күрөшү курчуган.
Анжиянга убактылуу токтоп калган кыргыз эли Атаке жана анын жолдошу Бердикенин кол астында өз жерине – Түндүк Кыргызстанга карай көчүп жөнөшкөн. Алар элин Тогуз-Торо аркылуу Таласка ашырып түшүр үшкөн. Таласта жаткан калмак-жунгарларды камындырбай чаап,
Таласты бошотушкан. Атаке баш болгон кыргыз жигиттери калмактардын артынан сая түшүшүп, Ала-Тоонун ар кайсы белдерин ашырып, душмандарды Чүйгө кууп түшүрүшкөн. Алардын бир бөлүгү Астраханда калмак ханы Дондук Дашаны көздөй качып жөнөшкөн.
Чүй суусунун ылдыйкы агымында калмактын калың колу акыркы күчүн жыйнап, артынан түшкөн кыргыз куугунчуларынын жолун тосушкан. Эки кол беттешип туруп калганда, илгеркиден калган шарт боюнча эки жактан эки баатыр чыгышкан. Калмактар тарабынан ат көтөрбөс Доргул, кыргыздардан Бердике баатыр чыгып, айыгыша кармашып, болгон эрдиктерин көрсөтүп, жеңише албай жатканда калың кол жер дүңгүрөтүп беттешип, согушуп киришкен. Жер кучактап эр өлгөн, асманды тээп ат өлгөн, адам менен ат каны аралашып, топуракка жуурулушкан. Кыргызга түт келбей, калың калмак качып берген…
Атаке баатыр менен Бердике баатыр эми жоокер колун баштап, Чүйдү бошотуу үчүн чыгышты көздөй бет алышкан. Ал калган жунгарларды кууп олтуруп, Токмоктун түштүгүндө жайгашкан Көкжар жайлоосунда калмактын ханы Доргул менен кездешкен. Бул кармашууда Атаке баатыр Доргулдун ичин жара сайып, башын алган. Калмактын аскерин толук талкалап, аларды Чүй өрөөнүнөн толук кубалап чыгышкан. Сары өзөн Чүйдүн башына чыккандан кийин баатырлар кеңешип, солто Жайыл баатырды өзүнө тиешелүү колу менен Чүйдүн этегине калтырышкан. Чүйдүн башына Кошой баатырды колу менен калтырган, калмак кайрылса кайрадан Таласты каптап кетет деп, Талас менен Суусамырдын босогосун, Таластын этегиндеги Чоңкапканы тоссун деп миң кол менен Алакөздүн Сабыр баатырын калтырышкан. Кушчулардын Итим баатырын, эр Солтоной менен Таластын ичин жана түштүгүн жоодон сактасын деп калтырышкан.
Атаке менен Бердике баатыр аскер колун андан ары баштап, Чоң-Кеминди бошотушуп, Торайгыр ашуусу аркылуу Ысык-Көлгө түшүп, түндүгүн Атаке баатыр, көлдүн түштүгүн Кочкор аймагы менен кошо Бердике баатыр бир айдан ашык кан кечип жүрүп бошотушкан. (Кыргыз санжырасы. 1994-жыл. 226–227-беттер).
Атаке баатыр баш болгон сарбагыш жана бугу элдери мындан ары калмактарды Ысык-Көлгө, Чүйгө жибербеш үчүн өздөрү Талдысуу, Тасма, Санташ, Кеген, Каркырада олтурукташып калышкан.
Атаке баатыр менен Бердике баатыр өз максаттарына жетип, түндүк Кыргызстанды калмактардан бошоткондон кийин, Бердике баатыр эми эли-журтуна Таласка кетүүнү Атаке баатырдан суранган экен. Эки баатыр кан кечип, жоо чаап, жөн эле кетип калбастан, мындан ары кудалашууга макулдашкан. Ыгына карата Атакенин уулу Карабекке Бердике Анар деген небересин, Жаныбек деген уулунун кызын берген. Ушул Анар энеден Жантай, Телтай, Молтой жана Маркозу деген төрт бала төрөлгөн. Небересине кошуп, Атаке баатыр минип жүрсүн деп, өзүнүн ноктолуу тору күлүк атын да берген экен. Анын күлүктүгүнө чен жок болгон.
Жантай хан өз учурунда чоң атасы Атаке баатырдын арбагын сыйлап, анын Таластагы досу Бердике баатырдын не береси Качыке бийдин кызы Шаакени уулу Шабданга алып берип, мурунку достукту жана кудалыкты жаңырткан. Шабдан баатыр Шааке энеден Мөкүш жана Кемел деген эки уулдуу болгон. (Абдылдабек кызы. «Шабдан баатыр» эпохи и личности. 1999. 246–247 стр.)
Бирок бул ири жеңиш Атаке баатыр баш болгон оң канат кыргызга түбөлүк тынчтыкты камсыз кылган эмес. XVIII кылымдын жетимишинчи жылдарынан баштап
Атаке баатыр баш болуп жунгарлардан бошоткон Түндүк Кыргызстанды жана анда жашаган кыргыздарды чыгыштан Кытайдын Цин падышалыгынын аскерлери, түштүк батыштан Кокон хандыгы, ал эми түндүктөн казактын Абылай ханынын жигиттери басып алууга умтулуп турушкан. Өзгөчө алардын ичинен Нарбото башында турган Кокон хандыгы өз сарбаздарын жиберип, Кокон хандыгынын бийлигине баш ийип, аларга салык төлөп турууну талап кылган. Нарбото хан кыргыздарды өз бийлик алдында кармап, алардан салык алып турууну иш жүзүнө ашыруу үчүн Атаке баатырдын Кокон шаарына келип кетишин бир нече жолу суранган. Нарбото хандын кыргыздар жөнүндөгү саясатын жүрөгү менен түшүнгөн Атаке баатыр хандын биринчи, экинчи чакырыгына барбай, үчүнчү чакырыгына эли менен сүйлөшүп, анан барган. Кокон хандыгы Атаке баатырды, аны коштогон жигиттерин эң жылуу кабыл алып, чоң сый көрсөткөн.
Ушул меймандостугу менен кыргыздарды жибитип, Кокон хандыгынын бийлигин кабыл алуусуна абдан аракет кылган. Нарбото хан менен болгон сүйлөшүүлөр Атаке баатыр эң чебер саясатчы, акылман, чукугандай сөз тапкан, тартынбаган эр жүрөк баатыр адам экендигин көрсөткөн. Кабыл алуу бир нече күнгө уланган.
Нарбото хан Атаке баатыр менен болгон сүйлөш үүдөгү сөзүнүн өзөгүн, кыргыздар мындан ары Кокон хандыгынын бийлигин кабыл алып, аларга салык төлөп туруусун, алардын кол алдында жашоосуна Атаке баатыр макул болушун күткөн абалга алып келип такаган. Атаке баатыр бул абалдан эң кылдат чыгып, хандын суроосун жоопсуз калтырып, ханга жана анын жан-жөкөрлөрүнө тескерисинче, кыргыздар өзүн өзү коргоп, өздөрүнүн чарбалык турмушун өздөрү уюштуруп, өз алдынча жашай ала турган эркин эл экендигин далилдеп түшүндүргөн. Атаке баатырдын сүйлөшүүдөгү так жооптору, күтүлбөгөн куйка куруштурган суроолору Нарбото хандын жана анын жанжөкөрлөрүнүн оозун ачырган. Хан Нарботонун суроолоруна берген жоопторунун кээ бирөөлөрү ушул убакка чейин эл ичинде сакталып, айтылып келе жатат.
Атаке баатыр жаратылышында өтө зор, тула бою уюткандай чың, үстүңкү жак эрди жырык киши болгон. Бул жарааты жунгарлар менен болгон согушта найзанын учу сайылгандан болгон экен. Бул жараатты жашыруу үчүн Атаке баатыр эрдин такай чүпүрөк менен жаап, байлап жүрчү экен.
Өз максатына жетпегендиктен, ачуусу келген Нарбото хан Атакеден аны сөзгө сындырып, багынтыш үчүн:
– Ээ, пачагар ханым, бу бүт дүйнөдөгү он сегиз миң жан-жаныбарларга Кудай Таалам нур бергенде сиз кайда жүргөн элеңиз? – дегенде, Атаке баатыр:
«Ээ, таксыр ханым, мен ошол мезгилде бакты-таалайдын базарында жүргөн экенмин» – деп жооп берген экен.
Андан ары Нарбото: «Урматтуу ханым, бул сизге арнап, сиз басып келсин деп дарбазадан хан сарайга чейин кымбат баалуу килем салсак, сиз анын үстү менен атчан бастырып келип, хан сарайдын эшигинин алдына атыңыздан түшүпсүз. Муну менин вазирлерим кабар кылды. Бул кылганыңыз кандай?» – деп сураганда Атаке баатыр: «Улуу урматтуу, өзгөчө кадырлуу ханым! Мен кыргыз элинин ыйык салтын бузбайын дедим. Кыргызда киши өзүнүн досунукуна келгенде ал аттан боз үйдүн так эшигинин алдына түшөт. Сиздин вазирлер төшөгөн килем анча деле кымбат эмес. Анткени андай килемдер ар бир көчкөн кыргыздын журтунда калат» – деп ханды тике карап койгон экен. Хан айтарга сөз таппай, оңтойсуз абалда калыптыр.
Ушул кабыл алууда хан молдосун чакырып, Атаке баатырдын өзүнө тиешелүү мөөр (печать) даярдап, анын ортосуна Атаке баатырды мактаган ыр жазып берүүсүн буюрган экен. Атаке баатыр бул мөөрдү даярдаганы үчүн 100 жылкы бериптир. Ал жылкыларды молдолор башындагы селдеси менен байлап кетишкен экен. Андан тышкары хан Атаке баатырга далысына, жакасына, өңүрүнө жана этегине араб тилинде жазуу жазылган чен чапан жаап, бир түтөтмө мылтык, бир кестик, бир куран китеп берген экен. Ошол чен чапан жана куран атадан балага калып олтуруп, азыр менин үйүмдө сакталууда.
Атаке баатыр кайтып элине келгенден көп узабай, артынан салык жыйноого жиберилген Нарбото хандын 100 сарбаздары келип калышат. Атаке баатыр өзүнүн уруу башчылары менен сүйлөшүп, сарбаздарды ЫсыкАта өрөөнүнүн башында жайгашкан үйүндө кабыл алып, түндүк кыргыз эли Кокон хандыгынын бийлигин кабыл албастыгын, аларга салык төлөбөстүгүн билгизип, сарбаздарды кайра тез кетүүсүн билдирет. Ал эми өзүнүн жигиттерине сарбаздардын аттарын жыгып алып, өздөрүн жөө жолго салууну буюрган. Атаке баатырдын жигиттери бул тапшырманы так аткаргандыгын баатырга билдиришкен.
- кылымдын аягында жана XVIII кылымдын орто ченинде жунгарлардын (калмактардын) кыргыз жана ка зак жерлерин басып алуу аракети өтө курчуган. Жун гарлардын ханы Цеван Рабдандын (1697–1727), өзгөчө Галден-Церендин (1727–1745) тушунда жунгарлар менен кыргыз-казактардын каст ашуу мамилеси эң жогорку чекке жеткен. Мына ушундай шартта казаккыргыздар биргелешип, жунгарларга каршы согушкан. Бул оор шартты өз башынан өткөргөн, Анжиян тараптан жаңы эле өз жерине кайтып келген Атаке баатыр өз эли менен бирдикте, ошол мезгилде Иле суусунун боюнда жашаган, башында Жапек бий турган чапрашты казактары менен бекем мамиле түзгөн. Казактын чапрашты уруусуна – Байтели, Кооман жана Дөөлөт уруктары кирген. Атаке баатыр жунгар баскынчыларына Жапек баш болгон казактардын чапрашты уруусу менен бир нече жолу согушка катышкан. Мындай байланыш Атаке менен Жапек бийдин дос болушуна алып келген. Атаке бий достук байланышты андан ары өркүндөтүү максатында чапрашты уруусуна кирген Байтели уругунан аял алган. Андан Сартпай деген уулдуу болгон.
- кылымдын орто ченинде жунгарлар кытайлык маньчжурлар менен өз ара бийлик талашып, бир топ алсыраганда казактар эми кыргыздарды Иледен, Чүйдөн кууп, бул жерлерге өз бийлигин орноткусу келген. Казактардын бул аракетин найман уруусунан чыккан Көкжал Барак ишке ашырууга аракет кылган. 1770–1771-жылдарда Көкжал Барак беш миң аскер алып, Чүй, Ысык-Көл жана Кочкорду басып кирген. Кыргыздын аскери Кочкордо сарбагыш Эсенгул, Атаке баатыр, саяк Сабыр баатырдын жетекчилиги менен Көкжал Барактын колун биротоло талкалап, Айтак, Арзы, Куржу жана Жапекти Кочкордо өлтүрүп, Көкжал Баракты казак жериндеги Кескенташта кууп жетип, кармап өлтүргөн. Ошентип Көкжал Барактын баскынчылык согушу жеңилген. Атаке мурун чапрашты уруусунун башчысы Жапек менен дос болгондуктан, анын Барактан коркконунан урушка келгенин эсине алып, сөөгүн кара буурага кара килем жаап, бир туугандары – Байтели, Кооман, Дөөлөттөргө жиберген.
Кыргыз менен казактын арасы Көкжал Барак жеңилгенден кийин катуу бузулуп, Баракты жеңгендиги үчүн кыргыздын көкүрөгү өсүп, казакты баштагыдан бетер уурдап-талап, атын жыгып алып карактап, чоң кордук көрсөтүп, көбүнчө саяк кыргыздарынан: Чакыр, Уман, Жаманак (кабалардын Сабырынын күчөгөн кезине сүйөнүп) тынчын алганда чыдай албай казактар кеңешип, Сараркада жаткан Абылай ханды чакырып келүүгө ОлуяАтада жашаган кор оолош уругунан Жоогач баатырды жиберген. Ошол жылы Абылай хан Сараркадан келип, Ташкенди каратып, анда Жаныш (дуулат) казагынан Байтикти улук кылып, өзү Ташкенде жашап калган.
Кийинки жылы жазында Абылай хан солтонун уруу башчылары Жайыл баатыр жана Момоконго белгилүү Жоогачты жиберип, солтолор Абылайга урушсуз карап берүүсүн сураган. Солтолор Абылайдын бул сунушуна макул болбой, согушка деле камынбай, чыгышындагы кошунасы Атаке бийге деле кабар бербей жата беришкен. Солтолордун бул жоругуна ачуусу келген Абылай хан Меркинин жанындагы Акчийге келип, солтолорго чабуул койгон. Согушка камынбай жай жаткан солтолор катуу кордук менен жеңилип, солтонун башчысы Жа йыл баатыр, анын балдары Үсөн, Теке жана Итике казактын колуна түшкөн. Баскынчы казактар Жайыл баатыр, анын балдары Үсөн, Текени жана жакын мыкты жоокери Жээнбекти өлтүрүшкөн. Илгертен кошуна жашап, жакшы жүргөндүгүн айтып Жоогач Абылай хандан суранып Жайыл баатырдын кичүү уулу Итикени, солтолордун уруу башчысы Момоконду тирүү алып калган.
Солтону жеңгенден кийин Абылай хандын аскери чыгышка Чүйгө жылып, Чулу бекетинин жанында Бөлөкбай солтолорун чаап, андан Кичи-Кеминдеги Бейшеке кыштагындагы беш агайын кыргызды кырып, келин-кызын олжологон. Азыркы Ильич кыштагынан Жол-Булакты көздөй алыш казып жаткан 40–50 кишини өлтүрүшкөн. Ошондуктан бул алыштын аты Кан дарык (кандуу арык, азыркы Жаңы-Жол) деп аталып калган.
Сарбагыш элинин башчысы Атаке баатыр көл башында туруп, эми араң кабар алып элин чогултуп, Жол-Булакта (бир булакта көлдүн аягы Көтмалдыда) Абылай хандын колу менен беттешип жеңилип калып, кайра көл башына дагы көбүрөөк күч жыйнап келүү үчүн кеткен.
Абылай хандын 8 миң жарактуу аскерине ар жерден кошулган дагы 2 миң аскер – бардыгы 10 миң аскер болгондуктан, Атаке баатырдын биргелешип урушууга чакырганына карабай, ар бир уруу башчылары ар кайсы тарапка качып, бирикпей коюшкан. Сарбагыштын Үчүке бутагынын башчысы Эсенгул, бугунун мыктылары Бирназар жана Шапак жигиттерин чогултуп, урушууга Атаке баатырдын колуна кошулууга келе жатып, Абылай хан жөнүндөгү кабарды угуп, кайра элине кетип калышкан. Атаке баатыр өз аскери аз болгондуктан, элин алыскы жылга, өзөндөргө киргизип коюп, Абылай хандын аскерине тынчтык бербес үчүн, такай кароол коюп, күтүүсүздөн кол салып, хандын жигиттерин өлтүрүп, жарактуу аттарын жана курал-жарактарын алып, кайра качып кетип турушкан.
Абылай хан аскери менен Ысык-Көлдүн ЧолпонАтасына келип бир аз тыныккандан кийин, бул жерге жакын жашаган мундуз уруусунун, анын ичинде таталай уруусунун башчысы Тыныбек менен согушуп, төрт күндөн кийин анын чебин талкалап, 150 түтүн кишисинин көбүн кырган. Тыныбектин Канышбек деген жана башка 16 кызды олжого алып кетишкен. Абылай хандын колу мындан Соңкөлдү көздөй чабуулун узаткан. Ошондо казактын аскеринин колунда туткунда бара жаткан Канышбектин ыйлаганы:
Алты короо таталай,
Алты айланып чапкыдай, Асили бузук Абылай Атаңдын өчү бар беле, ай! Жети короо таталай,
Жети айланып чапкыдай,
Жетеси жок Абылай
Жетеңдин өчү бар беле, ай!..
Корголоттуң быткылга Кордук кылдың кудай ай!..
Абылайдай ит кулга…
Эл атасы Атаке,
Эртерээк чыгып кезекке, Абылайды жеңсе экен, Эсебин хандын берсе экен.
Журт атасы Атаке,
Жалтанбай чыгып кезекке, Абылайды сойсо экен Агызып канын койсо экен!..
Элимде тынчтык болсо экен,
Журтубуз «Кырчынга» барып консо экен!..
Карсак жүрбөс караң жол
Караңгыда баратам,
Түлкү жүрбөс дүлөй жол Түндө кетип баратам. Түшкө кирбес Абылай Туткунунда баратам.
Канышбектин кайыны саруу кыргызынан кырк уулу уругунан Канабай деген күйөөсүнө айткан саламы:
Таталай мундуз төрөсү,
Ойрон мундуз төрөсү,
Оргун мундуз төрөсү
Көрпөчөнүн көбөсү,
Көңкул мундуз төрөсү,
Жаман да болсо Жабайга айт,
Чаар аттуу Кабайга айт,
Көп саруудан Бешимге айт…
Абылай хан Соңкөлгө келип, аттарын тыныктырыш үчүн бир аз турган чакта, Канышбек Абылай ханга келип суранган: – Ата-эне, эли-журтубуздан ажырап, он жети кыз олжолонуп, сиздерге бүлө болдук. Сиздерден башка бара турган жерибиз, баса турган тообуз жок. Туткунда келе жатып зордук, баскынчылыкка кириптер болуп кирдеп кеттик. Кир-когубузду жууп, тазаланып алууга уруксат бериңиз дегенде Абылай хан макул болгон. Сууга он алты кызды ээрчитип, аларга Канышбек мындай деп айткан: – Биз ата-эне, эл-журтубуздан, бир туугандарыбыздан ажырап, өмүр бою казакка күң болуп, олжо катын атыгып, кул болуп жүргөндөн көрө өлгөнүбүз артык! – деп, он жети кыз бири-бирине чачын түйүштүрүп туруп сууга түшүп кетишкен. Муну көлдөн аңыр каздын жумурткаларын издеп жүргөн казактар көрүп, Канышбек баштап бир нече кызды кармап калган. Кийин казактар кыргызды бүтүн каратканда Абылай хан Канышбекке азаттык берген, аны кудалаган күйөөсү алган (бир кабарда Канышбек дагы сууга чөгүп өлгөн). (Б.Солтоноев. «Кызыл-кыргыз тарыхы». 1993-жыл. 171-бет). Абылай хандын кез-кези менен кыргыз айылдарын басып кирип, элди ырайымсыздык менен өлтүргөнүнө чыдабай кыргыздар Анжиян, Наманган, Кытай жана башка тарапка кача баштаган. Абылай хан батышка Таласка (бир кабарда Кумарыктын башы Жарсуу-Макмалга) кыштап калып, кийинк и жылкы согушта саяк Садыр бийди, баласы Доскулду колго түшүрүп өлтүргөн. Бүткүл түндүк кыргызы каршылык көрсөтө албай калгандыгын сезген Абылай хан кыргыздарга салык салган. Эгерде үй ээси бечара болсо бир жылкы, оокаттуу болсо тогуз жылкы алган дешет. Бул салыкты солтонун Бөлөкбай уругунан Кебек деген киши бардык баш ийген кыргыздардан өндүрүп бергендиги үчүн Кебекти «бүткүл кыргызга бий» көтөрүп койгон. Ошол эле жылы Абылай хан Таласка да бир нече өзүнүн кишисин суракчы (бийлик башына) кылып коюп, өзү кайрадан өз жери Сараркага кеткен. Ал кеткенден кийин Кебектин бийлигине сарбагыштан Атаке, Эсенгул, саяктан Жанболот, Качыке, бугудан Бирназар, Маңмурат, солтодон Түлөберди жана башкалар баш ийбей, айтканын укпай коюшкан. Абылай хан кеткенден кийин улук бий Атаке түндүк кыргыздарынын уруу башчылары – сарбагыштан Эсенгулду, солтодон Түлөбердини, бугу дан Бирназар, Шапакты, саяктан Жанболот, Качыкени жана башкаларды чакырып, мындан ары кыргызды коргоо, мал-мүлкүн сактоо, тиричилигин жакшы кылуу жөнүндө кеңешкен. Бул кеңеште Атаке баатыр тууганы болгон, сарбагыштын Үчүке бутагынан тарагандардын чоң манабы Эсенгулду, бугунун манаптары Бирназар жана Шапакты Абылай хандын чабуулуна каршы урушка барбай койгондугу үчүн катуу жемеге алган экен. Эсенгул бий Атакенин бул жемесине таарынып, Атаке баатыр менен түздөн-түз касташууга өткөн. Абылай хандын согушунун учурунда солто, саяк жана сарбагыштын түлкү бутагынан тараган эли катуу жабыркап, согушка катышпаган Үчүкеден тараган Эсенгул баш болгон сарбагыштар, чериктер, бугу эли согушка катышпай калып, башы бүтүн, малы сак болуп өздөрүн күчтүү, кыйын, бай сезип калышкан. Өзгөчө Эсенгул бий бийликтин биринчи ордун жеңип алып, бүткүл түндүк кыргызды башкарууга умтулган.
Ушул кеңештен бир аз убакыт өткөндөн кийин Кулжа шаарынын чыгыш жагындагы Эрен Кабырга тоосунда турган Абылай хандын аскер башчыларынын бири Карагерей – Каманбай баатыр Кочкорго келип жылкы тийип кеткен. Атаке баатыр артынан кууп Коргош деген жерде жетип, Карагерей-Каманбай менен катуу согушуп: «Сенин ишенген пириң Абылай жок», – деп Карагерей-Каманбайды жеңип, жылкыны кайра айдатып келген.
Абылай хандын өлгөнү жөнүндөгү кабарды уккан кыргыздар Иле менен Чүйдүн аягындагы казактарды кыса баштаган. Абылай хандан бир нече жыл кысым, ыдык көрүп калган кыргыздар анын өчүн алууга умтулушкан. Атаке баатыр башында турган сарбагыш, солто, саяк элинин жигиттери орто жүз казактары жашаган Илеге, Чүйдүн батыш жагына бир нече чабуул жасашып, жүздөгөн үйүр жылкыларын тийип ке лишкен.
Кезегинде казактар да кыргыздарга каршы чабуул жасап, айылдарды басып кирип, үйлөрдү өрттөп, жаш кыз-келиндерди олжолоп, жылкыларды айдап кетип турушкан. Өзгөчө орто жүз казагы Чанычкулу Бердикожо башында болгон казактардын чабуулу өтө ырайымсыз, катуу кыйратуу менен бүтүүчү. Караңгы түндө, таң заардагы иттердин үргөнүнөн, аттардын дүбүртүнөн, казактардын чакырган ураанынан ойгонуп: «Кокуй Бердикожо! Кокуй Бердикожо келатат!» – деп элдин жүрөгү түшүп туруучу.
1785-жылы Бердикожо өзүнүн 500 аскери, 1500 кишиден турган кытай аскери менен кара кыргыздарды тынчтандыруу жана алар тийип кеткен 2500 жылкыны кайтарып алуу үчүн ырайымсыздык менен чаап талкалаган. 1786-жылы кышында Бердикожо 100 киши менен кара кыргыздарды дагы чабуу үчүн Текеске келген. Жакын жерде жайлашкан кыргыздардын айылы жок экен деп, аскердин баары чогулуп, согушууга ыңгайлуу мезгилдин келишин күтүп, аттарын жайытка коё берип уктап калышкан.
Бердикожо жана анын аскерин алыстан көзөмөлгө алган, бул жерде кыштаган сарыбагыштын Эсенгул бийинин 80 кишиден турган жигиттери Бердикожо жана анын аскерин түнү менен басып кирип, көпчүлүгүн өлтүргөн. Бердикожо баш болгон бир тобун Эсенгул бийге алып жөнөшкөн. Жолдо Бердикожо учкаштырып бара жаткан кишиге бычак сайгандыгы үчүн кескилеп өлтү рүшкөн.
Бердикожонун иниси Аккожо жана балдары Лепес менен Чоко өч алуу үчүн камынып келишип, Эсенгулдун бир баласын кармап барып, мыкаачылык менен өлтү рүшкөн. (Н.А.Аристов. «Усуни и кыргызы или кара кыргызы» стр. 443. Бишкек, 2001.)
Мындан бир аз убакыт өткөндөн кийин Атаке баатыр сарбагыштан, солтодон, бугулардан жарактуу эр жигиттерди чогултуп, (саны белгисиз) жылкы тийип келүү үчүн Иле суусунун аягына барышкан. Иленин батышынан чыгышына кечип өтүшүп, күндүз кароол коюп, түн ичинде анда жайылып жүргөн калың жылкыны айдап, Иле суусун кечип, кыргыз жерин карай айдап жөнөшкөн. Таң сүрө жылкыны колотко айдап, бир аз тыныккан мезгилде Атаке баатырдын көзү илинип кетип, чочуп уйкудан ойгонуп жигиттерин чакырып: «Жаки атым, жаки мен өзүм өлөт окшоймун» – деп, жигиттерин калтырып, өзү жалгыз жолго чыгып, Чолпон-Атадагы үйүнө эл орунга отурганда келген экен. Ошондо Керкулун деген күлүк аты менен Иленин төмөнкү агымындагы Хандын тоосу деген жерден чыгып, Илени бойлоп Чүйгө түшүп, Коңур, Торуайгыр ашуусун ашып, Чолпон-Атага келген экен. Атты мамыга байлап, таң ашырып коюп, эртең менен аялына: «Атты карап келчи, кантип турат?» деген экен. Аялы үйгө кирип: «Ат секирип мамынын башын кемирип, жулкунуп турат» деген. Атаке: «Арам өлгүрдү агыта бер» – деп, аялы аттын ээрин алып, агыта бергенде дароо барып көлдөн суу ичип, жаталактап өлүп калган экен. Атаке заманына жараша динге ишенген наамы киши болгондуктан, аттын өлүмүн жакшылыкка жоруп койгон. Атаке баатыр күлүк аты Керкулун менен жүргөн жолу болжол менен 350–400 чакырым экен. Ушул жолду 16–17 саатта басып өтүүгө мүмкүнбү деген суроого, убагында белгилүү тарыхчы Белек Солтоноев да кызыккан. Ал сарбагыш, солто, бугу, саяк, саруу элдеринин билерман карыяларынан сураштырып көргөн. Алардын баары – эгерде такай тапталып минилген Керкулундай тулпар менен мындай жолду басып өтүүгө болот деп бир ооздон билдиришкен.
Мезгил өткөн сайын Атаке баатырдын калмактарды жеңип, казактар менен тынбай согушуп, кадыр-баркынын өсүп кеткенин сарбагыштын Үчүке бутагынын башчысы Эсенгул көрө алган эмес. Анын үстүнө Абылай хандын баскынчылыгына каршы урушка кошулбай койдуңар деген жемеси Эсенгулдун тынчын алып, Атаке баатырды чаап, анын бала-бакырасы, эл-журту менен өзүнө баш ийдиргиси келген. Эсенгул бий Абылай хан жана баскынчы Чанычкулу Бердикожонун колуна каршы согуштарга катышпай, башы бүтүн, малы сак болуп, өзгөчө саяк
Садыр баатыр өлгөндөн кийин, өзүн баарынан күчтүү, бийик сезип калган. Эсенгулдун бул оюн сезген Атаке баатыр көлдүн башы Шатыга көчүп барып олтурган. Кокустан Эсенгулдун колу басып кирбесин деп, көлдүн аягына, ортосуна жана Жууку суусунун куйган жерине кароолдорду койдурган.
Эки тууган элдин ортосундагы мындай катуу чатакты басуу үчүн Үчүке сарбагышынын жана Түлкү сарбагышынын кадырлуу карыялары өз учурунда Эсенгулга да, Атаке баатырга да өз ойлорун айтып, чатакты токтотууну сурашкан. Бирок бийликке умтулуп карайып калган Эсенгул бул суроолорду укпай койгон.
Жаз күндөрдүн биринде көлдүн аягына койгон кароолчу Уркалый Шатыга чапкан бойдон жетип, Атаке баатырга:
«Урматтуу бий!.. Бул жакка Эсенгул көп аскери менен ураан чакырып келе жатат» – деп кабар айткан.
Атаке бийдин кеңеш берүүчүлөрүнүн, жигиттеринин шаштысы кетип, эмне кылуу керек деп, Атаке баатырды карашкан. Тунжурай түшкөн Атаке баатырга бир таары: – «Биз деле камынып, согушка чыгалы. Эсенгулдун аскери калың калмактын аскеринен кыйын бекен? Бизге уруксат кылып, батаңызды бериңиз? – дешкен.
Ошол мезгилде Атаке баатырдын жанында болгон бугу элинин бийи Бирназар да: – Сиз коркпой, тарткынчыктабаңыз. Бугу элинин жигиттери сиздин аскер менен кошо согушка барат. Сиздин конушуңуз тар капчыгай болуп, качып кетүүчү жол жок деген.
Атаке баатыр: – Мен Эсенгулдун колунан коркуп, тарткынчыктаган жерим жок. Эгерде согуш болуп кетсе, эки бир тууган эл кырылып калбасын деп жатам!.. Кадырлуу эл башчылары, жигиттер! Шатынын тоосуна чыгып кетүүчү тар жолду тазалап, таманына арча төшөп, тик кулап кетүүчү жагына четинден казык уруп, жол жасагыла. Мен өзүм катышам. Биз элибиз, мал-жаныбыз менен тоого чыгып кетели… деген. Тар кыяга шаты жол жасалып бүткөнчө көлдүн ортосундагы, Жууку суусу куйган жердеги жана дагы үчүнчү, төртүнчү кароолчу ат тердетип чаап келишип, жоо келип калгандыгын кабарлашкан. Атаке эли-журту, мал-жаны менен жаңы салынган жол аркылуу тоого чыгып кетишкен. Эсенгул аскери менен келип, журтту сыйпалап кайра кетишкен. Атаке баатыр жол салдырган өзөн ошондон бери «Шаты» деп аталып калган деген сөз бар!
Ушундай шартта кыргыздардын кошуна элдер менен болгон мамилеси жана өз ара уруулар арасындагы саясий күрөш кыргыздардын, анын ичинде түндүк кыргыздардын, коомдук ордун өзгөртүүнү талап кылган.
Өз элинин мындан аркы тагдырына тынчсызданган, элдин тынч турмушун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Атаке баатыр, башка мамлекеттердин бирине калкаланууну ойлоп, күчтүү бир мамлекеттин бийлигин таануу максатын көздөп, бүт элин чогултуп курултай өткөрүүнү чечкен.
Бул курултайга саяктардан Кадай бий, бозтумактан Ташыбек бий, моңолдордон Бийназар бий, желдең-кесектерден Шапак бий, солтодон дагы бир Ташыбек бий, бугулардан дагы бир Бирназар бий, кытайлардан Муса бий, саруулардан Сары баатыр келишкен, башкача айтканда, курултайга – Талас, Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал, Нарын, Ат-Башы, Тогуз-Тородо жашаган элдердин өкүлдөрү келишкен. Бул курултайда улуу урматтуу бийлер тарабынан ар кандай ойлор, кеңештер айтылып, акыркы сөздү Атаке баатыр алып: «Өзүңөр көрдүңөр, ардактуу журт башчылары, кай жагынан алба, орустар менен кол кармашпасак болбой калды. Ак падышанын букаралыгын алалы. Кыргыздар кыйын эл болгон деп айтчу экен илгерки акылмандар. Колдун бир манжасынан эч нерсе келбейт, ал эми беш манжа муштум болуп түйүлсө, өзүнчө бир күч. Эгерде кырк уруу кыргыз душманга бир муштумдай түйүлсөк, ким бизге даай алат? Сиздер макул болсоңуздар, Ак падышага элчи жибер ели!»
Атаке баатырдын пикирин баары колдошуп, акыры Россияга баш калкалоону чечишип, анын бийлигин кабыл алуу, чыгышта жүргүзгөн соода-сатыгына жардамдашуу үчүн 23-август, 1785-жылы Сибирь Чек ара полкунун начальниги генерал Н.Г.Огарёвго, Россия империясынын падышасы Екатерина IIге Атаке баатыр Тынай уулунун атынан кат жазышып, аны мурун Россияда жашаган белгилүү көпөс Абдрахман Кучаков жана жаш зирек Шергазы аркылуу Омск–Санкт-Петербург шаарына жиберген жана булар кыргыз элинин Россияга жиберилген элчиси деп билдирилген («Кыргызстан–Россия. XVIII–XIX век». 53–55-беттер.).
Атаке баатыр Тынай бий уулунун падыша Екатерина IIге элчилерди жана
белектерди жибергендиги жөнүндөгү каты 23-август, 1785-жыл.
Ханышанын мартабалуу наамдарын атагандан кийин сөзүн минтип баштайт: «…Кептин акырында, улуу урматтуу ханышам, мээрим айым, жогоруда айткан ата-тегимдин күч-кубаты азыркы менин Тынай бий уулу Атакеникиндей эле болгондугун эскертип, Орусияга Ташкен көпөстөрүнүн кербенин өткөрүп жана узатып туруу кызматын кабылдооңузду көптөн көп суранам!
Улуу урматтуум, мен кербен менен кошо бир арапты, үч жолборс, беш сүлөөсүн терисин, ошондой эле өз кишилерим Абдрахман менен Шергазыга кошуп, эки жөкөрүмдү жөнөттүм, алар аркылуу улуу урматтуу ханышам, сиздин саламаттыгыңызды тилегенимди билдирем».
(Россиянын Омск областтык мамлекеттик архиви. Ф.1. Оп.1. Д 237.Л.157. Азыркы түп нускасындагы иш жүргүзүүчү котормо).
Атаке баатыр Тынай бий уулунун Омск шаарындагы
Сибирь аскердик бөлүгүнүн башчысы генерал Н.Г.Огарёвго жазган каты 23-август, 1785-ж.
Урматтуу мамлекет акылманы! Түбөлүк бакыт ээсине ылайыктуу (болгон) баатыр Сулайманга теңдеш жана улуу падыша Искендердей төгөрөктүн төрт бурчун ээлегендин досу, бакыт-таалайды, жакшылыкты таратуучунун ынактарынын эң маанилүү аксакалы катары улукка (падышага) кол берип, кызматында жүргөн, улуу жарык жүздүү кошун башчысы, өкмөт мүчөсү, жеңиш ээси, калктын арыз-муңун угуучусу, падышанын ыктыярын ыраа зычылык менен орундатуучусу, мамлекет ээсинин (султанаттын) ишеничтүү жакыны, башкы аскер буйрукчусу (амири), улук Сулайман шахин шактын этибарына (барктоосуна) ээ болгон улуу кандыктын негизи болгон урмат илиминин бермети (көөхары) акыл-эс ордосу, ойчулу, падышанын кыяматсыз кишиси, карып-бечаралардын дооматтарын тейлөөгө муктаж болгон, байкуштарга назар салып жардамдашкан, Ак падышага жан дили менен кызмат өтөп турган генералга жатнама (кагаз жүзүндөгү каалоо) Туак (?) Тынай уулу Атаке баатырдан эки ат жибердик, алгачкы урматтообуз маалим болсун деп, эки киши жибердик. Бирөөнүн аты – Абдрахман, экинчисиники – Шергазы. Ак падышага үч жолборс, беш сүлөөсүн тартууладым, түбөлүктүү саламатчылыктарын сурап келсин деп, эки киши жибердик. Каттын арткы бетине тамчы түрүндөгү мөөр басылган, анда «Тынай бий абу (уулу) Атаке батур» деген араб графикасындагы жазуу оюлган. Россиянын Омск областтык мамлекеттик архиви. Ф.1.Т.1. К.237. Б.155-156 а.б. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмө.
Узак убакыт жол жүрүп, Санкт-Петербургга эң кыйынчылык менен жеткен кыргыз элчилерин падыша Екатерина II эң жылуу кабыл алып, Атаке бийдин катын окутуп угуп, Атаке баатырга 800 сом күмүш, Абдрахманга 100 сом күмүш, Шергазыга 25 сом күмүш акча берген. Бул ошол кездеги өтө көп акча эле. Екатерина IIнин ишенимдүү кишиси, хан сарайынын мүчөсү князь А.А.Вязамский 1787-жылы 23-январда ханышанын атынан кат жазып, бийдин достугу жөнүндөгү сунушу кабыл болуп, «орус соодасын кеңейтүүгө жардамдашуусун» өтүнгөнүн билдирген. (В.Мокрынин, В.Плоских «Кыргыз тарыхы». 182–187-беттер).
Кыргыз элчилеринин иши бүткөнүнө байланыштуу падыша сарайынын кызматкери А.А.Безбородько (Безбородько Александр Андреевич (1747–1799) граф, князь, Екатерина II падышалык сарайынын гофмейстери, мамлекеттик почтонун башкы директору болгон) элчилерди өз жерине жибергиле деп, коштоп жүргөн поручик Иван Сипайловго жолдук акча, депутаттык тамак-аш жана башка жолго керектүү чыгымдар төлөнгөн. Бирок элчи Абдрахман Кучаков катуу ооруп калып, докдурлар элчинин жолго чыгуусуна уруксат бербей коюшкан жана Абдрахман жакында айыкпай тургандыгын билдиришкен. Бул шартта улуу урматтуу падыша сарайынын кызматкерлери Атаке баатырга өздөрүнүн элчилери аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгын билдирүүнү чечишип, Омскиге көрсөтмө бе рилген.
1787-жылдын октябрь айында Омскиден соодагер Абдурахман Нурмаметовдун кербен башчысы жана ишенимдүү адамы Муслим Агаферовдун жетекчилиги менен соода кербени чыгып, Омскилик бийлик башчылары катты Муслим Агаферовдон берип жиберишкен. Катты Муслим Агаферов ички куруна тигип, өтө сактык менен алып жүрүп, Чүй суусунун Ысыксуу (Исси-Су) деген жеринде олтурган Атаке баатырга алып келип, көтөрүңкү маанайда тапшырган. Атаке баатыр жооптун келгенине өтө кубанып, өзүнө жакын эл башчыларын чакырып, Муслим Агаферовго өзүнчө боз үй тиктирип, катты окутуп угуп, Муслимди жакшы коноктогон. 1788-жылдын жайында Атаке баатыр биринчи элчилерди күтпөстөн Орус падышасы Екатерина IIге дагы кат жазып анда: «Абдрахман Кучаков менен Шергазы эмне болду, эгерде тирүү болсо, кайра мага жибериңиз» – деп суранып, Омскиге бара жаткан караван менен экинчи элчини жиберген. Бул элчинин башчылыгына Абдурахмандын баласы Сатынбай дайындалган.
1788-жылдын 14-сентябрында кыргыз элчилери Абдрахман Кучаков жана Шергазы мурунку эле поручик Иван Сипайловдун коштоосунда жолго чыгып, ошол жылдын 23-декабрында Омскидеги Петропавловскиге келип түшүшкөн. Элчилерди Омскилик бийлик адамдары менен бирге Сатынбай сүйүнүп тосуп алышкан.
Абдрахман Кучаков эли-жерине, чыдамсыз күтүп жаткан Атаке баатырга тез жетүүгө шашылган. Бирок күтүлбөгөн жерден генерал-поручик Н.Г.Огарёв Абдрахман Кучаковду чакырып: «Соодагер Абдурахман Нурмаметовдон арыз түшүп, анда 1788-жылдын аягында анын приказчиги Муслим Агаферовдун караваны уурдалып, аны уурдаган Атаке баатырдын балдары Солтоной менен Байшүкүр экен деген божомол айтылып жатат. Уурдалган товардын баасы 1293 рублди түзүп, товар түрүндө 200 түлкүнүн териси, 200 төөнүн, 10 жолборстун, 10 сүлөөсүндүн, 60 карышкырдын териси экен. Иштин жагдайы толук аныкталганча, сиздер бул жерде дагы туруп тура турган болдуңар» – деди. Элчилерди азырынча туруп тургула деп, бир жакшы квартирага жайлаштырып, карап тургун деп, бир обер-офицерге табыштаган.
Абдрахман Кучаков өзүнүн кожоюну жана досу Атаке баатырга ошол 1789-жылдын январында кат жазып, анда улуу урматтуу падышага жакшы барып келгендигин билгизип, мүмкүн болушунча уурдалган товарды ээсине табышып беришин тездетүүсүн суранган. Бирок бул иштин такталышы узарып, убакыттын жай өтүшү аларды зарыктырган. 1789-жылдын 20-июнунда мечитте намаз окуп жаткан жеринен күтүлбөстөн Абдрахман Кучаков каза болгон. Анын көп нерселерге кыйналган жүрөгү жаңы мындай оор күнөөлөөнү көтөрө албай кеткен болсо керек.
Башына тоодой кайгы үйүлгөн баласы Сатынбай Шергазы менен бирдикте атасы Абдрахмандын сөөгүн шаардын четиндеги тал аага алып барып, бийик казыктарга илип коюшуп, үйүнө кайтканда сөөгүн жерине алып келип, ата-бабанын салты боюнча көмүүнү ойлошкон.
Эми элчинин башчысы болуп Абдрахмандын уулу Сатынбай калган. Ал генерал-поручик Н.Г.Огарёвго кирип, атасынын айтуусу боюнча, өз иши чечилгенге чейин күрөө (заложник) болуп калып, Шергазыны жабыр тарткан Муслим Агаферов менен Атакеге жиберүүнү суранган.
Генерал Н.Г.Огарёв бул сунушка макул болгон. Муслим Агаферовдун кербенин уурдаган суук кабар Атаке баатырга да чагылгандай тез жеткен. Ал Сибирь бийлик адамы болгон генерал-поручик Н.Г.Огарёвго соодагер Паши Хошхалбердинден кат жиберген. Кат Омскиге 10-сентябрь, 1789-жылы жеткен. Бул катта Атаке баатыр кыргыз-казак бийлеринин ортосундагы чыр-чатактарды, көрө албастыктарды айткан. Атаке баатыр жана анын кишилери эч качан Муслим Агаферовго жамандык кылып, таарынткан эмес. Муну жабыр тарткан Муслим Агаферов өзү деле ырастайт. Ал эми башкалардын күнөөсү үчүн Атаке жооп бербейт. Эмне үчүн анын кишилери кармалып турат? Атаке бий, Муслим Агаферовду кантип уурдаптоноп кеткендигин аныктоо үчүн аны Атаке баатырга жиберүүсүн өтүнгөн.
Ишти сураштырып изилдөө өтө чиелешкендиктен, атайын чындыктан алыстатып татаалдаштырылгандыктан, Сибирдин бийлик адамдары бул уурдап-тоноонун бардык шартын беш жылдан кийин араң такташкан. 1793-жылдын жазында Сибирь бийлик кызматы: «Атакеге барып, кайра келе жатканда Муслим Агаферовду эч ким уурдап-тоногон эмес» деген жыйынтык чыгарышкан. Атаке баатырдын чыныгы душмандары, чыныгы күнөө лүүлөр табылган. Алар жаңы соода жолу Кыргыз жери аркылуу өтпөшүн, мурункудай түндүк-чыгыштан казактын жери менен өтүшүн каалашкан. Муслим Агаферовдун караванын орто жүздүк бий Кудайменденин танегут уругунан чыккан Таир Берди менен Аккочкор деген уурулары уурдаганы аныкталган.
1793-жылдын 3-апрелинде соодагер Абдурахман Нурмаметов айласы кетип, генерал-майор Я.В.Боуверге кат жазып, анда: «Мен өз атымдан кат жазып, жоголгон мүлкүмдү өндүрүп берүүнү сураган мурунку катымды өзгөртүүсүз калтырам» – деп жазган.
«Сатынбай Абдрахманов бул жалаадан толук кутулду» деген бүтүм чыгарылган. Тарыхчылар жазгандай: «Атаке баатырга болгон ишеним кайра ордуна келип, кыргыз жери аркылуу өтүүчү жаңы соода жолуна болгон тоскоолд уктар дээрлик четтетилген».
Атаке баатыр Санкт-Петербургга жиберген элчилер кайра келгенче сегиз жыл өтүп, кыргыз эли көп окуяларды баштарынан өткөргөн. Баарынан өкүнүчтүүсү элчилерди чыдамсыздык менен күткөн, алардын тагдырына кайдыгер карабаган Атаке баатыр да турмуштан өтүп кеткен…
Ошол мезгилде Атаке баатыр башкарган түндүк кыргыз элинин Россия менен мамиле түзүп, алардын калкалоосуна кириши, бул элге дагы бир топ убакытка чейин тынччылык, бейкуттук берген. Чыгыштагы Кытай, батыштагы Кокон хандыгы, түндүктөгү казак ханы согуш куралдары өнүккөн, атайын даярдоодон өткөн тартиптүү аскери бар, эң чоң өлкө болгон Россиядан чыгыш территориясын кеңейтүү, өзбек, казак, кыргыз, инди жана кытайлар менен кеңири соода жүргүзүү саясатына тоскоолдук кылуудан бардыгы коркушкан. Бул иштер Атаке баатырдын эң ири тарыхый ишмердиги болгон.
Өтүп кеткенине 300 жыл чамаласа да, ушул убакытка чейин унутулбай, улуу урматтоо менен айтылып жүргөн улук жана ыйык инсан жөнүндө кийинки мезгилдерде китеп болуп чыгып жаткан санжыралар тарыхый чындыкка туура келбеген, так эмес, сабатсыз тантырак, эл арасына жик сала турган жазмаларды жазып жүрөт. Бул сапатсыз жазмалар Атаке баатырдын элди баштап, душмандан жерин, мүлкүн куткарып берип, эли үчүн жанын аябаган эрдиктери жөнүндө жазбастан, ошол эл деп жүрүп жоготкон ден соолугун, мүчөлөрүнүн кемтигин, өздөрүнүн чолок акылына салып айткандары дегеле акылга сыйбай турган келжирек ойлор экендиги жөнүндө окуучулар менен ой бөлүшө кетелик деген ойдобуз…
1994-жылы «Ала-Тоо» журналынын тиркемеси болуп чыккан «Кыргыз санжырасы» китебинде Шералы Мамырбаев жыйнаган «Чоң тарыхтан бир үзүм» деген санжыра жарыял анган. Ушул санжырада Атаке баатырдын аброюна чоң шек келтирген жазмалар жазылган: «…Атаке жырык биздин Карамырзанын журтка таштап кеткен баласы экен. Аны түшүнө аян (белги) берип, Тынай мырза Карамырзанын журтунан таптырып кетиптир…» Санжыраны талдап көрсөңүз, Карамырза Атаке баатырдан алты ата, же 180 жылдай мурун жашап өткөн киши экен. Атүгүл ал кишинин тушунда Бугу деген эл алигиче курула элек болгон…
Орозбактын балдары Асанмырза менен Карамырза «Аламышыктын» тоосунан аңчылык кылып жүрүп, болочок мүйүздүү энени таап, кармап алышып, агасы Арыкмырзага алып келишкен. Дагы бир булакта «Аламышык» тоосу бир убакта «Аалам Шайыктын тоосу» аталчу дешет. Анткени кайберендердин олуясы кайберендерди кыдырып жүрүп, ушул «Аалам Шайык тоосуна» келип өлүптүр. Анын бир уул, бир кызы ушул жерде кыштап калышат. Асанмырза менен Карамырза аңчылык кылып жүрүп, аларды алыстан көрүп, баланы кийик экен деп атып алышат, анын үстүнө жыгылып ыйлап жаткан кызды кармап алышып, агасы Арыкмырзага алып келишет. Арыкмырза кызды өз аялынын берген кеңешин угуп, кичүү Мырзакулдун улуу баласы Алсеитке алып беришет. Мүйүздүү эне Алсеиттен Жамангул, Бапа деген эки бала төрөгөн. Бугу эли мына ушул Жамангул жана Бападан тараган. Ал эми Атаке баатыр жанындагы Бирназар бий жана Шапак бий менен замандаш болгон.
Атаке баатырдын жырыктыгын «Кыргыздын кыскача санжырасы» китебинин автору Эсенкул Төрөкан уулу төмөнкүчө түшүндүрөт: «… Тынай Тынай болуп, кадырбаркы өсүп, келим-кетим көбөйүп турган мезгилде үйүнө бир Кыдыр молдо келип түнөйт. Кыдыр молдонун кийген кийим-кечеси таза, баш кийими адам карап тургандай шөкүлө экен. Түндө Кыдыр молдо уктап калганда оюнкараак, шок Атаке анын баш кийимин жакшы көрүп уурдап алып, катып койгон экен… Тынай кечи рим сураганда Кыдыр молдо: «Мейли эмесе, кечирдим. Балаң бактылуу болсун, бирок бир мүчөсү кем болсун»– деп бата берип бастырып кеткен» (139-бет).
Кымбаттуу окурмандар, бул санжыра канча туура экендиги белгисиз, ойлоп көрсөңүздөр, адамды ишендире албайт. Анткени илгери кандай молдо болсо да, алар чалма баш кийим кийишкен. Эгерде Кыдыр (же Кызыр) аллекума салам (Кудайдын өкүлү) болсо, шарыят боюнча ал киши эч качан кооз, сулуу, анын үстүнө шөкүлө кийбеши керек (шөкүлөнү күйөөгө узатуучу кыздарга кийгизишет).
Атаке баатырдын «жырык» болуп калышын тарых илиминин доктору В.Мокрынин, академик В.Плоских «Кыргыз тарыхы» (1998-жыл) деген китебинде: Атаке калмактар менен кармашканда шылый чабылган мурдун таңган кара таңгакты которуп, мурутун жанып алды да, буурул тарткан кирпигинин алдынан чогулгандарды бүркүт көз караш менен карап койду (183-бет).
Бул ойду тарыхчы Аман Газиев – бир топ тарыхчылардын (соавторлордун псевдоними) «Впервые в России» деген китебинде: «С гордостью смелчаков братья перешли Нарын и Суусамыр, разгромили калмакский отряд. Эту битву Атаке не забудет до самой смерти. В тот раз какойто калмак никак не хотел умереть. Умело защищаясь, он изловчился и ударил Атаке саблей в лицо. Глаза уцелели, а вот нос как бритво срезало. С тех пор баатыр не снимал черную повязку, скрывая уродство». Бул окумуштуулардын Атаке баатыр жараатты жунгарлар менен болгон согушта алган дегени туура, ал эми «кылыч менен мурду шылый чабылган» деген аныктамасын кайсы тарыхый булактан алды экен? Же окумуштууларга да тарыхты бурмалоого уруксат берилеби?
Атаке баатырдын «жырык» болуп калышын биздин ата-бабаларыбыз төмөнкүдөй айтышчу. Атаке баатыр түндүк Кыргызстанды бошотуп, өз эли менен Ысык-Көлдүн башында олтурганда чыгыштан жунгарлар кыргыздарга кайрадан тез-тез кол салып турушкан экен. Ага жооп кылып, кыргыздар да алардын айылын чаап, жылкыларына тийип келүүчү экен. Ошондой беттешүүнүн бири Казакстандагы Кеген деген жерде болуптур. Ушул түнкү беттешүүдө Атаке баатыр жигиттерин өзү баштап, жунгарлар менен катуу салгылашып, сайышканда анын оң эрдине найза тийиптир. Найза тийип, жарадар болгонуна карабай жигиттери менен жунгарларды катуу капшырып, бир нечесин атып, бир нечесин аттан ыргыта сайганда, жунгарлар артка чегинип, качып беришкен. Ушул катуу жеңилүүдөн кийин жунгарлар кыргыздарга кайрылып кол салбай калышкан экен. Менимче, Атаке баатырдын жырык болуп калышы тууралуу бул айтылган ой туура.
Атаке баатырдын жунгарлар менен болгон кармашуусунда жарадар болгонун көргөн, уккан эл башчылары, кадырлуу аксакалдар, эр жүрөк жоокерлер көңүл айтуу үчүн Атаке баатырдын үйүнө чогулган экен. Келгендердин жана жалпы элдин атынан эл башчылардын, аксакалдардын улуусу солто Кошой бий сүйлөптүр:
«Улуу даражалуу улук бий, Атаке баатыр! Сиздин жаралуу болгонуңуз бир кокустук, кырсык, биздин жалпы кыргыз элинин жаралуу болгону. Жарааттан тез айыгып, кыргыз жерин душмандардан толук бошотуп, элиңизди башкара бериңиз!» деген экен. Жооп катарында Атаке баатыр:
«Кымбаттууларым, менин жарадар болгонум эч нерсе эмес, жараат айыгат. Мен элимдин жарадар болуп калышынан коркомун. Биз дагы бир жолу бел байлап, күч жыйнап, жерибизди душмандардан толук бошотуп, эң чоң күчтүү орус эли менен тил табышып, канатына калкаланбасак, элибизге тынчтык, бейкуттук берип, жер айдап, мал баккандай кылбасак, элибиз өмүр бою жарадар болуп калчудай. Коркунуч ушул, кырсык ушул. Ушундан сактануу керек» деген экен.
1795-жылы Санкт-Петербургдун «Новые ежемесячные сочинения» деген журналында сибирдик инженер капитан Андреевдин макаласы чыккан. Анда: «Кыргыз эли Сыр дарыянын баш жагында, Кокон менен Кашкардын түштүк бөлүгүндө жашашат. Түмөндөгөн жылкы, ую, өтө көп пахта талаасы бар. Эгер согушуп калса, 50 миңге чейин кол курайт. Анда эч кандай хан жана султан жок, бир эле Атаке бий бар. Ал алардын бардык ордосунун башчысы… Атаке өтө бай, он болуштукту башкарат» – деп жазылган. (В.Мокрынин, В.Плоских «Кыргыз тарыхы» 186–187-б.б.).
Мына ушундай өтө ири тарыхый инсандын эл арасындагы эмгегин, анын эл үчүн деп жүрүп алган жараатын көлөкөдө калтырып, кичине уруктук топтун кызыкчылыгын анын аброю нан жогору коюп, чолок акылдык менен ал кишини «жырык», «мурдун шылый чапкан» деп мазактоо, шылдыңдоо ар бир акылы толук адамга жакпайт, закондуу түрдө жинин келтирет.
Атаке баатырдын кыргыз тарыхындагы орду, саясый жана чарбалык ишмердиги – Ормон хан, Жантай хан, Боромбай бий, Байтик баатыр, Алымбек датка, Курманжан датка, түштүктөн чыккан Кубат бийлерге караганда, өтө чоң жана масштабдуу. Ал бүт оң канат түндүк кыргыз элин башкарган.
Тарыхый маалыматтарды талдап көрсөңүз, XVIII кылымдагы кыргыз элинин тарыхы али толук жазыла электиги байкалат. Анын ичинде Атаке баатыр жөнүндөгү маалыматтар ушул убакытка чейин толук изилдене элек. Тарыхта ал кишинин кайсы жылы туулуп, кайсы жылы дүйнөдөн кайткандыгы да белгисиз эле.
Атаке баатырдын сөөгү коюлган жер жөнүндө белгилүү казак окумуштуусу, саякатчы, Абылай хандын небереси Батыш Сибирь генерал-губернаторунун адъютанты Валиханов Чокан Чыңгысович (1835–1865) 1856-жылы Ысык-Көлгө келгенде жергиликтүү эл ага: «Шатынын ичиндеги зооканын бооруна салынган тар-тайгалак «Атаке баатырдын жалгыз аяк жолун» көрсөтүшкөн. Ушул жолдун алдында Атакенин улуу баласы Карабектин мүрзөсү болгон. Өзүнүн сөөгү да ошол жерге коюлган» – деп айтышкан.
Алымбай КЫЗАЕВ
ЖАЙЫЛ АТА
Азыркы учурда баатырдын ысмы кыргыз элинин калың катмарына жетти. Мына ушинтип качандыр бир кезде арбагы көтөрүлө турган мезгил келээри бабабыздын санаасына кирди бекен? Ырас, далай кылым өтсө да Жайыл баатырдын ысмы өзгөчө түндүк кыргыздардын эси-көөнүнөн эч кетпей, санжырачыларыбыз менен куйма-кулак аксакалдарыбыз ооздорунан түшү рүшкөн эмес. Так айтканда, Жайыл баатыр Кыргыз биримдигинин символу, эл-жерди тышкы душмандардан коргоонун үлгүсү катары айтылып келген. Ушу жерден бир мисал келтирейин. Кыргыз жазма адабиятына негиз салган улуу акын А. Токомбаевдин «Өлбөстүн үрөнү» деген тарыхый драмасы академиялык драма театрыбызга коюлганы эсте. Бул драмада он тогузунчу кылымдын ортосундагы Бугу менен Сарбагыштын кандуу чабышы чагылдырылган. Эрегиштен улам Ормон ханды Балбай өлтүрүп коюп, эки уруу бири-бирине эч аёо бербей, натыйжада ар бир уруудан канча миңдеген эр азаматтардын каны төгүлгөн. Бул фактыны тарыхчы К. Үсөнбаев: «Ормон хан» жөнүндөгү монографиясында учкай келтиргени бар. Ал тургай XIX кылымдын ортосу ченде Ч.Валиханов келип, Боромбайга жолукканда: «Он миңдеген түтүн элим бар эле, үч жүздөй эле түтүн калды» – деп зарлаган. Ошондон улам драмада бугулардын бийи Боромбай: – Оо, арбагы ыйык Жайыл ата. Биз сенин кусуруңа калдыкпы? Сен качан кыргыз элин урууларга, жер-жерге бөлчү элең. Сен кыргыздын туусу, эл сактаган айкөл Манасы сыяктуу элең го. Сен элди урууга бөлүп, чекеге чертмек тургай, кыргыздын ысмын, биримдигин ыйык тутуп жүрүп жан кыйбадың беле. Сенин ысмың, сыймык катары айтылчу эле го. Колдосоң болбойбу, арбагың менен шордуу элди. Ушинтип эле кыргыз өз колу ме нен өзүн өзү тукум курут кылабы? Ушинтип түгөнөбүзбү?» – деп ыйлап турган. Боромбайды улуу актер А.Боталиев ойногон. Ошентип, Жайыл бабабыз кыргыз асманындагы өчпөй турган Чолпон жылдыз. Жунгар-ойротторду эл-жердин чегинен кууп чыккан улуттук баатыр. Жайыл – кыргыздын уюткусу катары эсептелген ыйык инсан.
Манас сыяктуу башпаанек издеп, бүтүн уруулар Жайылга келип конуш алышкан. Жүрөгү таза, пейли кенен, айкөл Жайылдын ишмердигинде кылайган кара так жок. Ошо кезде ал Кытайдын манжур Цин династиясынан Кыргыз чек арасын бөлгөн. Үч жолу Цин падышасы Цянпунга (1753, 1758, 1761-жылдары) элчи жиберип, кадимкидей мамлекеттик деңгээлде дипломатиялык алака жүргүзгөн. Алсак, атактуу орус тарыхчысы Вячеслав Семенович Кузнецов: «Цинская империя на рубеже центральной Азии» деген фундаменталдуу эмгегинде Кытай тарыхынан алып, эң сонун фактыларды келтирген. Ал тургай Бээжинге Жайыл тарабынан жиберилген элчилер дин аты-жөнү да так берилген. «В 1758 г. к Цинскому двору приехали первые киргизские послы – Ныша, Черикчи бий, Чагыр Саяков «Тораке» – деп баса белгилейт. Элчилерди Жайылдын жортуулдаш чоросу, Кытай, калмак тилин эң жакшы билген Ныша жетектейт. Ошол элчилердин ичинде Солто элинен чыккан атактуу адамдар Баймат жана Барат бар экендигин, андан ары Кыргыз санжырачылары Чоңайылчы манен Балаайылчы ырас тайт. Ушул күндө элчилердин көптөгөн тукум уругу Чүйдө жашап жатканын баса белгилейт.
Он алтынчы кылымдын аягы ченде падыша Бабур Ферганадан Шейбани хан тарабынан Ооганга куулгандан кийин, казак жерлери менен кошо Кыргыз Ала-Тоосун толук бойдон Жунгар-ойрот баскынчылары ээлейт. Өзгөчө, жөнөкөй эле Лаама Галдан жана анын уулу Цеван Равдан Жунгар империясынын башына келгенден тартып, казаккыргызды тыптыйпыл кыла басат да, тукум курут кыла баштайт. Ошондон улам: «Кыргыз Ысар – Көлөп ашып, казак кайың сааганда» деген макал калган. Бул мезгил 1670–90-жылдардан башталып, тарыхта кыргыз-казак үчүн эң бир трагедиялуу доор болуп эсептелет. Мына ошол 1690-жылдардан кий ин кыргыздар калмактан катуу жеңилет да, Ысык-Көлдөн тартып Чүй, Тал ас кыргыздары Түштүккө биротоло оойт. Талкан бий менен Тынай бий аман калган эли-журтун баштап Анжиян, Аксы, Алай жана Намангандан орун-очок алышат. Теңир тоо толук бойдон Чүйгө чейин Цеван Равдандын мураскорлорунун бийлигине, зайсаңдарына өтөт. Чүйдө кыргыз аттуу калбай калат. Талкан бий азыркы Аксы, Алабука, Наманганды мекен кылып, анын байтактысы Сафит-Булаңдан орун алат. Сафит-Булаң – азыркы Алабука районундагы кожо шах Фазилдин мечити турган жай. Мына ошол ыйык жерде чамалап алганда 1705-жылы Жайыл туулат. Талкандын атактуу эки уулу Коңурбай, Кошой десек, Коңурбайдан Жайыл жалгыз. Коңурбай эрте өлүп, Жайыл Кошой бийдин колунда чоңоёт. Талкан бий менен анын уулу Коңурбайдын сөөгү да Сафит-Булаңга коюлган. Бирок ошо бойдон кыр гыздар Жунгар-ойрот баскынчыларына биротоло баш ийип бербестен, аларга каршы жортуулду токтотушкан эмес.
Мына ошентип, жоокерчилик заманда туулган Жа йыл Кошой бийдин тарбия-таалимин толук алып, эс тартканы ат жалынан түшпөй, тышкы душмандардан Ата Мекенин бошотуунун аракети менен эр жетет. Өзгөчө Чоңайылчы менен Балаайылчынын санжыра тарыхы боюнча Жайылдын атак-даңкы чыккан мезгил – 1733-жылга туура келет. Ал мезгилде казак-кыргыз биргелешип Жунгарларга катуу сокку урат да, душмандын бели биринчи жолу мертинет, жоо качат. Ошондо улуу жүз казагынын ичиндеги дуулат уруусунун баатыры Кырбаштын аялы эркек бала төрөп, жоо качкан күндү ырым кылышып, атын Жоокач коюшат. Ал чапкында биринчи жолу Жайылдын аты чыгат. Кошой бийдин туу башчысы катарында жортуулда зор баатырдык көрсөтөт да, ошондон кийин кыргыз кошунун ар дайым жоого биринчилерден болуп баштап турган. Аталган 1733-жылдан кийин Кошой бий Аксы, Алабукадан көчүп, Кетмен-Төбөгө келет да, Таластын башындагы Жаргапты ашып, Жунгар калмактарына каршы согушту токтотпойт. 1745-жылы Жунгар империясынын Алтын ханы Галдан Церен өлгөндөн кийин, ойроттордун биротоло шайы оойт. Хан тактысы үчүн болгон кармаш Жунгар мамлекетин биротоло алсыратып, кыргыз-казактар биргелешип душманды өз мекенинен сырткары биротоло кууп чыгышат. Жунгарияга оогон Ойрот калмактардын эл катары аты тарыхтан бир отоло өчөт. Анткени Жунгарияга оогон качкындарды Кытайдын Манжур Цинь династиясынын богдыханы Хун Ли тукум курут болгончо кырып таштайт. Тарыхый маалыматтарга таянсак, ал кыргында 2 миллионго жакын Жунгар-ойроттор кырылган деп белгилейт Н.Рерих тарыхый очерктеринде, Жайыл баатырдын эли-журтун Чүйгө толук бойдон көчүрүп келген кези 1756-жылга туш ке лет. Ошол 1755-жылы калмактарды биротоло Жунгарияга кууп чыккан Кошой бий, элин көчүрүп келмекке Кетмен-Төбөгө кетип баратып каза бо лот. Ал өлөр алдында, элин чогултуп алып: «Азыр кыш түшүп калды. Чүйгө эмдиги жылы көчкүлө» деп керээз айтып, баягы жоодо Жайыл баатыр көтөргөн кызыл туусун Жайылга берип, өзүнүн нар кескен болот кылычын да кошо тапшырат. Көз жуумп бараткан Кошой бий башка сөз айтпаганы менен Жайылга «эки чылбыр, бир тизгинди колуңа бердим. Мындан кий ин эл тагдыры сенин колуңда» деген осуятын көпчүлүк да түшү нөт. Ошон дон тартып, Жайыл солто элинин бийи аталат да, арка кыргыздарынын баарына таасири чоң болот. Жайыл баа тырдын түздөн-түз кийлигишүүсү боюн ча арка кыргыздары Ала-Тоодон то лук орун-очок алышып, Сары өзөн Чүйдөн күздөө, жаздоо, кыштоо бөлүштүрүлөт. Ошол 1758-жылдан тартып Ысык-Көл, Ат-Башы, Каркыра, Кеген Какшаал, Текес жерлери кыргыздарга өтөт. 1758жылы Жайыл баатыр чек ара маселелери боюнча манжур кытай императору Цянь Луньга элчилерин жибере баштайт. Жайылдын көрсөтмөсү боюнча 1860-жылы Чүйдөгү Улуу Жибек жолунун боюнда, Аламүдүн дарыя сынын куймасында Караван сар ай салдырып, ал жерди толук бойдон Бишкек баатыр беш уулу менен ээлейт. Ошентип алгачкы Бишкек шаарынын пайдубалы түп төлөт. Ал жер азыркы Ысык-Көл кинотеатры турган чөлкөм эле. Ал тургай ошол жерде турган чоң дөбөгө Бишкектин сөөгү коюлуп, Биш кек конуштун төмөн жагына, 1825-жылы кокондуктар чеп салышат.
1770-жылы Абылай хандын чабуулуна чейин Теңир тоо менен Чүйдө бейкут турмуш өкүм сүрүп, Жайыл эл-журттун уюткусу, атасы сыяктуу милдетин аткара берет. Абылай хан Чүй менен Талас кыргыздарын кыраар алдында далай жолу элчилерин жиберип: «Чүйдү бирге жайлайлы, Талас менин байтактым болсун» – деп коркута баштайт. Сөзсүз, буга Жайыл баатыр баштаган кыргыздар макулдугун бербей, акыры Абылай хан жыйырма миң колу менен кыргыздарга чабуулга өтөт. Алгачкы согуш Таластын оозунда Чоңкапкада болот. Ал согушта эр Садыр балдары менен колго түшүп мууздалат. Андан кийин Жайыл баатыр акырындан чегинип отуруп, Чүйгө оойт. Ал кандуу согушта кыргыз уруулары бириге албай Жайыл беш миң колу мен ен Абылайга каршы турат. Согуш ырайымсыз, аёосуз өтөт. Жайылдын колу Абылайга көк жалча каршылык кылуу менен улам чегинип отуруп, акыркы чечүүчү майдан Ысык-Атанын Кызылсуусунан бери, азыркы Канттын үстүндөгү Жайылмада жүрөт. Ошондо кансырап, алсырап, чегинип келаткан эрлердин алдынан Жайылдын байбичеси Темиржан эне жайдак ат минип каршы алып, ак дамбалын эки таякка илип ураан таштайт: «Ушул дамбалдан ары качып өткөнүңөр катынсыңар» – деп, келин-кыздарды эркекче кийинтип алып өзү кошо согушка кирет. Кыргыз жоокерлеринин көпчүл үгү көкүрөгүнө найза жеп курман болушат. Согушта катуу жарадар болгон Жайыл үч күн бою ат жалынан түшпөй, улам ат которуп минип, майданды токтотпойт. Акыры колу түгөнгөн бий ал сырап, бала-бакырасы, анчамынча жоокерлери менен кошо Абылайдын колуна түшүп мууздалат. Өлгөн жоокерлердин сөөгүн жыйнай келгенде, алардын ичинде эркекче кийинген кыз-келиндердин да найза жеп өлгөнүн көргөндө Абылай хан таң калган экен…
Абылай хан тирүү калган кыргыздарды – үй-бүлөсү менен кошо туткунга алып, атактуу манап Жамансарттын уулу 18 жашар Түлөбердини өзү мен ен кошо ак үйлүү кылып, ала кетет. Көкчө-Тоодо ошондон улам жаңы кыр гыз, чоң кыргыз деген аймак пайда болот. Түлөберди манаптын тун уулу Байтик атасы ошол «ак үйлүү» жүргөндө казак жергесинде төрөлөт. Бул «Жайыл кыргыны» же «Жайыл май даны» деген кыргында – Чокон Валихановдун маалыматы боюнча, Чүй жер гесинде 40 үйлүү гана кыргыз калган имиш. Жайыл баатырдын сөөгү Үсөн, Теке деген уулдары менен кошо Меркенин боюндагы сагана көргө чогуу коюлганы тарыхта жазылып калган.
Бул чакан тарыхый обзордо Жайы л баатырдын эрдиктерин, эли-жерин сырткы душмандардан сактоодогу ишмердигин толук бойдон келтирүү мүмкүн эмес. Жыйынтыктап айтканда, Жайыл баатыр Курманбек баатырдан кийин чыккан, Жунгар баскынчыларынан эли-жерин коргогон чыныгы инсан. Курманбек баатырдын эрдиктери ле генда түрүндө элдик оозеки адабияттарда гана айтылса, Жайылдын каармандыгы, ишмердиги тарыхта жазы лып калган. Жайыл кыргыз элинин ар-намысы, сыймыгы, улут биримдигинин символу. Жайыл баатыр Абылай хандын колунан курман болгондон бери 240 жылга жакын мезгил өтсө да, анын арбагынын, рухунун көтөрүлгөн кези. Демек, Чүй боорундагы эзелки солто эли Жайыл баатыр осуят катар ы калтырып кеткен ынтымак салтын ушул кезге чейин көздүн карегиндей ыйык тутуп келе жатышат.
Асанбек СТАМОВ
КУБАТ БИЙ
XVIII кылымдын экинчи жарымындагы саясий ишмер, анжияндык кыргыздардын башкаруучусу кушчу уруусунан чыккан. 1754-жылы Бухаранын эмири Мухаммед Рахим, Кокондун башкаруучусу Ирдана бий жана ферганалык кыргыздардын башчысы Кубат бий Оротөбө ээлиги үчүн болгон күрөштө тең ата шериктештер катары чыгышкан. Бухаранын хроникаларында Кубат бийдин бул этаптагы ишмердиги, Ирдана бийдин таянычы жана жардамчысы катары бааланган. Ал эми Оротөбө ошол учурда, Бухара, Кокон жана кыргыз чектеринин тогошкон жеринде жайгашып, өз ара чыр-чатактардын чордонуна айланган. 1754-жылы жай мезгилинде өз алдынчалыгын сактап турган Оротөбөнүн башкаруучусу Фазыл бийге, Гиссардын беги Мухаммед Амин бий колдоо көрсөтүп чыккан. Бул аймакта бир тарабынан бухаралыктар, экинчи жагынан кокондуктар жана кыргыздар каратып алганга аракет кылышкан. Бирок алардын ортосунда келишпестиктердин бар экендигин байкаган Гиссардык башкаруучу Мухаммед Амин, амалкөйлүк менен ортого от жагып мамилелерин бузган. Бул үчүн ал Оротөбөнүн башкаруучусу Фазил бийге, Кубат бийдин атынан жалган кат жөнөтүп Бухарага каршы кокондуктар менен шериктештикти түзүп жатабыз деген ойду билдирген. Кат, албетте, Кубат бийдин атынан жөнөтүлг өндүктөн жолдон бухаралыктардын колуна түш көн. Натыйжада, Рахим хан Ирдананы күнөөлөп чыккан жана шериктештик тердин ортосундагы бири-бирине шек саноо күч алып, каршылашууга келген. Ирдана ачык эле Кубат бийди күнөөлөп, чыккынчы деген айыпты таккан. Жалган күнөөгө ачууланган Кубат бий кокондуктар менен мамиле түзүүдөн баш тартып, өз алдынча кеткен.
Сөз кылган тарыхый окуялар Фергананын саясий аренасында Кубат бийдин көз каранды эмес өз алдынча башкаруучу катары чыккандыгын айгинелейт. Ошол мезгилдеги бухаранын хроникасы «Тарих-и Рахим ханиде» Кубат бийди кыргыздардын башчысы деп көргөзгөн. Кубат бий Фергананын чыгыш бөлүгүндө жашаган кыргыздардын чоң бөлүгүн, тактап айтканда, сол канат уруул арын башкарып турган. Белгилүү советтик чыгыш таануучу П.П.Ивановдун мүнөздөгөнүнө караганда Кубат бий XVIII кылымдын экинчи жарымында Ферганадан чыккан көрүнүктүү саясий ишмер болгон.
Кубат бий Ирдана менен мамилесин үзгөндөн кийин, Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга катыша баштаган. 1754–55-жылдарда Кубат бий Кашкарды, Яркендди ж.б. шаарларды жуңгарлардан бошотууга, ошондой эле аймактын андан кийинки башкаруучулары ак тоолук жана кара тоолук кожолордун бийлик үчүн күрөштөрүнө өзүнүн олуттуу көмөгүн көргөзөт. Анткени Иле аймагындагы жана Ала-Тоодогу кыргыздардын жардамы менен Чыгыш Түркстандын шаарларын калмактардын бошоткон кара тоолук кожолор саясаттын багытын өзүлөрүнүн атаандаштары ак тоолуктарга карай бурган эле. Эки тарап тең кыргыздардын колдоосун күтүп, кара тоолуктардын башчысы Юсуф кожо кыргыздардын кыпчак уруусунун башчысы Амир мырзаны өзүнүн вазири жана Яркенд шаарынын башкаруучусунун орун басары кылып дайындаган. Юсуф кожо ошол эле учурда Жуңгарлардын атынан өлкөнү башкарып турган ак тоолуктардын башчысы Бурхан ад-динге каршы Кубат бийди чакырган. Кубат бий бул чакырыкты калмактарга каршы күрөш катары кабыл алган. Бирок Чыгыш Түркстанга баргыча, Юсуф кожо каза болгон жана анын уулу Абдулла кожо кыргыздардын колдоосуна толук ээ боло албай Яркендди таштап качат. Натыйжада, Кубат бий кара тоолуктардын башчысы Бурхан ад-динди колдогонго өтөт жана Амир мырза, Аким мырза жана Сопу бий сыяктуу кыргыз төбөлдөрү да анын жолун жолдошот. Кашкар, Яркенд ж.б. шаарлар кыргыздардын көмөгү менен бошотулгандан кийин Кубат бий «Бахадур бий» деген титул менен Кашкардын акимдигине дайындалат. Бирок Циндердин атынан келген кара тоолук кожолордун Чыгыш Түркстандагы бийлиги көпкө созулбайт. Бурхан ад-Диндин бир тууганы хан кожо 1756-жылдын башталышында Чыгыш Түркстанга келип, Яркендди башкара баштайт. Ал келгенден тартып кожолордун кыргыздарга болгон мамилеси өзгөрөт жана акырындап бийликтен четтетиле баштайт. Абалды түшүнгөн Кубат бий 1757-жылы өзүнүн кол алдындагыларды ээрчитип, Кашкардан чыгып кеткен. Көп узабай 1757-жылдын жай мезгилинде Цин империясы Чыгыш Түркстанды каратып алуу боюнча чараларды көрө баштаган. Кыргыздардын колдоосунан ажыраган Бурхан ад-Дин жана Хан Кожо Цин баскынчыларынан жеңилип, 1759-жылы күзүндө Бадахшанга качышкан жана аймактын беги аларды өлүм жазасына тарткан.
Кубат бийдин Чыгыш Түркстандагы жана Ферганадагы саясий кадыр-баркынын жогорулашы Кокондун башкаруу чусу Ирдананы кооптондурган. Ошондуктан Ирдана, Кубат бийди Фергананын саясий аренасынан четтетүү үчүн Ош жергесинен 9 көпөстү кушчу, мундуз элдери карактады деген жалааны жабышкан. Кыязы, ушул чатак Кубат бийдин кокондуктар менен кагылышына алып келген. Синьцзяндагы Кытай наместниги Юнгуйдун 1762-жылы императордун сарайына жөнөт көн докладында Кашкардын мурдагы акими Кубат бий Ирдана тарабынан өлтүрүлгөндүгү айтылган. Балким, Кубат бийдин өлүмүнө ордодогу жаңжалдардын да тиешеси болгон. Анткени Кубат бийдин иниси Нарбото Ирданадан куугунтукталып, Кытай бийликтеринде баш калкалаганга аргасыз болгон. Ошол эле учурда Кубат бий менен бирге Ирдананын эки ата өткөн тууганы Абдрахман бий дагы Хожентте даргага тартылган. Келтирилген фактылар Кубат бийдин өлүмүнө саясий жагдайлар түздөн-түз таасир эткендигин ырастайт. Эл оозунда сакталып калган: «Кубат бий өлбөй кут өлдү, кушчу, мундуз журт өлдү» деген сөздүн маанисинде кыргыз журт чулу гун да анын саясий кадыр-баркынын жогорулугун жана калктын барктоосуна арзыган башкаруучу экендигин айгинелейт. Айрым маалыматтарга караганда Кубат бийдин сөөгү Алайдын Кичидара деген жерине коюлган. Анын ысмы менен байланышкан мунара азыркыга чейин Синьцзяндагы Кызылой деген жерде сакталып калган. Кокондун документалдык булактары боюнча адис Л.Валидовдун жазганы боюнча Кубат бий таптакыр эле өз алдынча башка руучу болгон, ал өзүнүн кызыкчылыгына жараша тигил же бул башкаруучу менен каалагандай мамиле түзүп же байланыштарын үзүп койгон. Ошондуктан Кубат бий Фергана кыргыздарынын XVIII кылымдагы тарыхында ханга тете инсан катары баалангандыгы тегин жерден чыккан эмес.
Темиркул АСАНОВ
ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
Түндүк Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхында маанилүү орунду ээлеп жана замандын ыргагына жараша өмүр кечирген инсандардын бири – Төрөгелди баатыр Абайылда уулу.
Түпкү бабасы Манап – ХVI к. акыры – ХVIIк. башы чендерде кыргыз журтунун ири бийлөөчүлөрүнүн бири болгон. Б.Солтоноевдин маалыматтарына караганда Манап 1630-жылдарга чейин эл башкарган, ошол мезгилдеги Борбордук Азиядагы саясий кырдаалга активдүү аралашкан. 1620-жылдары калмактардын басып алуусуна каршы кыргыз-казак аскердик ынтымагы түзүлүп, анын башында казактардын ханы Эр Эшим жана кыргыздардан Көкүм ме нен Манап турган. Иле боюндагы калмактар менен болгон ушундай уруштардын биринде Манап каза тапкан.
Манаптан кийин бийлик анын тукумдарына өтүп, Сүтөй, Сарысеит бий, Үчүке баатыр, кийин соң Кудаяр кан жана Маамат кул бий сыяктуу инсандар эл башкарышкан. Маамат кул бий калмактан үрккөн элди Ферганадан Кетмен-Төбөгө, андан кийин Чүй, Ысык-Көлгө жана Нарынга көчүрүп келип, элдин башында турган. 1758-жылы 90 жаштан өтүп калган Мааматкул бийге Кытай бийлигинин өкүлдөрү жолугушкан. Мааматкул бий ушул эле жылы Пекиндеги Кытай императоруна сарбагыш, солто, саяк ж.б. уруулардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн элчилердин тобун жөнөткөн.
Барган элчилик Кытай им ператору менен саясий алакаларды түзүп, Ысык-Көл аймагы кыргыздарга гана таандык экендигин бекемдеп кайтышкан. Мааматкул бийдин бир уулу Темирден – Черикчи.
Черикчинин 12 уулунун ичинен Абайылда эл башкарып чыккан. Тарыхый кабарларда ал Ниязбек, Таштанбек, Тайлак, Нарбото, Осмонбек, Эшкожо, Канай сыяктуу замандаштары менен бирге Кокон хандыгынын басып алуучулук саясатына каршы күрөшкөн.
Ата-бабаларынын мына ушундай салтын улап, Төрөгелди Абайылда уулу дагы сарбагыш уруусунун негизги төрт бөлүгүнүн бири черикчи (темир) уругунун башкы бийлөөчүсү болгон. Орус даректеринин ырастаганына караганда Төрөгелди баатыр башкарган черикчи уругунун ичине кыргыздын бир топ майда уруктары кирген. Аларга кырк уруу, мундус, азык, келдике раимкалпак, тоголок, чертике, абыла, эшим уруктары киргени архив маалыматтарында сакталган (ЦГА Респ. Каз. Ф. 374 Оп.
- д. 1669, л. 130).
Төрөгелди Абайылда уулунун өмүр баянын изилдөөчүлөр фольклордук маалыматтардын негизинде 1798–1799-жылдарда туулгандыгын болжолдоп келишкен. Бирок анын 1875-жылы 67 жашында каза болгондугун маалымдаган таш бетиндеги жазууну Кочкорлук тарыхый даректерди жыйноочу Кабылбек Жумабаев 2002-жылы таап берди.
Бул таш бетиндеги жазманы Төрөгелди баатырдын Чоткара деген уулунун небереси Акмат Жакып уулу 1926-жылы чегип жазган экен. Ушуга байланыштуу чоң атасынан уккан Төрөгелдинин урпагынын маалыматы салыштырмалуу чындыкка жакын болуш керек.
Демек, Төрөгелди Абайылда уулу 1808-жылы туулган. Б. Солтоноевдин маалыматтары боюнча Төрөгелди 19–20 жашында Кыргызстандын түндүгүнө басып кирген кокон аскерлерине каршы согушка катышат. Ал ошол согушта кокон дуктардын колуна түшүп калган солто уруус унун манабы Канайды бошотууда эрдиктерди көрсөтүп айырмалангандыгы менен алгачкы жолу эл оозуна алынат. Төрөгелдинин эр жүрөктүүлүгү жана теңдешсиз кара күчү аны жоокерчилик замандын найзакер баатыры атыктырган. Ошол учурдагы кыргыз-казак ичиндеги бири-биринен мал тийип алуулардан өз элин коргоп, заманына жараша агасы Нарбото менен казактардан жылкы тийип келүүгө чыгып турган. Анын ар дайым жоо бетинде жүргөндүгү жана Чүй боорундагы камыштан адамдарга кол салган жолборсту камчы менен чаап өлтүрүшү, элге баатыр катары даңазаланышына шарт түзгөн. Төрөгелдинин ушул сапаттарын жогору баалаган Ормон хан: «Тээтиги ач арстанды оозунан ноктолоп алып жүрбөйүмбү, мойнундагы чынжырын алып коё берсем оңбойсуң» – деп баатырды көрсөтүп, тил албагандардын жүрөк үшүн алчу экен.
1840-жылдардын башында Ормон хандын өз алдынча Кыргыз мамлекетин куруу аракетине Төрөгелди баатыр активдүү катышкан. Жаңыдан түптөлүп жаткан кыргыздардын мамлекеттик түзүлүшүндө ал көрүнүктүү саясий орундардын бирин ээлеген. Аны Ормон хан аскердик күчтөрүнүн башчылыгына дайындаган. Төрөгелди баатырдын кыргыз элинин өз алдынчалыгына жетүү идеяс ын бекем колдогондугу тышкы душмандардын басып кирүүсүнө каршы күрөштөрдө даана көрүнгөн. Ал Кенесары Касымовдун 1846-жылдагы биринчи баскынчылык жортуулунда кыргыз кол башчыларынын бири болгон жана эрдиктерди көрсөткөн. Ошол жылдын эрте көктөмүндө Чүйдүн түндүк жагындагы Калыгуту, Капкаташ тоосуна Кенесары хан колу менен көчүп келип, кыргыздын башчылары Жангарач, Жантай, Тынаал ы, Төрөгелдиге орустарга биргелешип күрөшүү үчүн мага кошулгула» деген талап менен элчилерин жөнөтөт. Кыргыздардан дагы элчи жүрүп, бирок эки тарап келише албаган соң, Кенесары шылтоо менен кыргыздардын айылдарын чаап кирет. Согуштун биринчи күнү эле тынай уругунан Калпак баатырдын айылы соккуну кабыл алып, 28 эр бүлөсүнөн ажыраган. Таңга жуук Кенесарынын акийик деген тандалма аскерден турган 300 жигити Төлөнгүт ме нен Куркөңдөй деген жердеги Төрөгелди баатырдын айылына кол салган. Ал өзүнүн 180 жигити менен казактарга карай бет алып, катуу салгылаш болгон. Төрөгелдинин агасы Шербото дагы бул урушта өтө кайрат көрсөтүп, казактардын курчоосунда калганда атынын төрт аягына кире калып чабышкан. Мындан кийин Төрөгелди баатыр менен Ноорузбай беттешип, бирин бири сайганга аракет кылганда,
Ноорузбай артка бурулуп, казактын ичине кирип кеткен.
(Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы, 203–206-беттер).
Кенесарынын аскерлери талкалангандан кийин ал Ормон хандын Кокон ордосуна каршы жүргүзгөн саясатын толук колдоп, кыргыз элинин өз алдынчалыгына жетишүүсү үчүн аракеттенген. Мунун мисалы, Үмөтаалы Ормон уулунун пристав Перемышельскийге жазган катынан көрүнүп турат. Ал катта Үмөтаалы: «Россияга байланышкан менин кеп-кеңештеримен манап Төрөгелди Абайдулин чыкпайт» – деп жазат. Төрөгелди баатыр бул катты өзүнүн мөөрү менен бекемдеген.
Ормон хандын трагедиялуу өлүмүнөн кийинки 1855– 1859-жылдары болгон бугу-сарбагыш чабышында Төрөгелди баатыр сарбагыштардын башкы жетекчилеринин бири болгон. Кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүл үгү үчүн аракет кылган Ормон хандын өлүмү, көчмөн турмуштун шарты Төрөгелди баатырды кун кууп алуу жүрүшүн баштоого аргасыз кылган. Бул чабыш бир тарабында Боромбай, Качыбек, Балбай тург ан бугу жана экинчи тарабында Үмөтаалы, Төрөгелди турган сарбагыш уруулары болуп экиге бөлүнүп, бир элдин ичиндеги кыргынга алып келген. Сарбагыштардын бугу уруус уна жасаган акыркы жүрүштөрүнүн биринде, 1859-жылы жайдын аягында
(теке айы) Төрөгелди баатыр буту сынып, колго түшөт (ЦГИА, Респ. Уз. Ф. 105-с, оп 1.д. 76).
Төрөгелди баатырдын туткунга түшүшү, бугу-сарбагыш урууларынын жарашуусун шарттаган. Себеби Төрөгелдинин кадыр-баркы аны бошотуп алуу үчүн сарбагыштарды чабышты токтотууга алып келген. 1859-жылдын аягы – 1860-жылдын башына чейин эки уруунун өкүлдөрү тынчтыкка келишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бугулар тарабынан орустардын бийлигине нааразы болушкан Бирназар тукумунун манаптары жана алардын колдоочулары Тилекмат, Чоң Карач ж.б. чаб ышты токтотуп, Төрөгелдини бошотууга макул болушк ан. Сүйлөшүүгө сарбагыштардан Үмөтаалынын тапшыруусу менен Шамен Куттуксейит уулу жана Ботокан Ажы уулу катышкан. Алар Ормон хандын, Мырзанын, Намазбектин жана Алыбектин куну кечирилсин деп чечишкен. Төрөгелдинин төлөөсүнө коңурат уругунан Энтери баатыры бошотулуп берилген. Ушинтип бугу, сарбагыш өкүлдөрү тынчтыкка келишип, чыбык кыркып ант беришет да, 1860-жылдын февраль айынын башында Төрөгелдини бо шотуп келишет. Төрт жылга созулган уруулар аралык чабыш аяктап, Текеске качкан бугу эли Ысык-Көлгө кайтып келет. Бул маалыматты орус архивдик булактары да бекемдейт. 1860-жылдын май айында Верныйдагы орус падышачылыгынын корпусунун капитанына жазылган катта: «Ормон өлгөндөн кийин бугулар ушул жылы (1860) биринчи жолу Ысык-Көлгө эгин эгүү мүмкүнчүлүгүн алышты» – деп билдирет (ЦГА Респ. Каз. Ф. 3,, д. 60а, ЦВ, За, л 1–2). Бул жаңжалда кыргыздардын өз ара келишип кетүүсүнө каршы турган орус бийлиги сарбагыш уруусун жазалоо максатында алардын белгилүү жетекчилери Үмөтаалы, Төрөгелди, Адыл ж.б. колго түшүрүү үчүн Венюковдун аскердик тобун 1860-жылдын май айынд а Ысык-Көлгө жиберген.
Бирок бул мезгилде Төрөгелди Үмөтаалы ме нен бирге Жумгалды ашып, Нарын тарапка көчүп кеткен. Ал орустардын басып алуучулук саясатына каршы турган. Ошондуктан орустар Төрөгелдиге карата да, Үмөтаалыга колдонгон бу зукулук саясатын колдонушкан (ЦГА РК. Ф.И.З., оп. 1. д. 33. л. 16-18 об.) А.Талызиндин маалыматы боюнча ишенчиликсиз манаптын кол алдындагы черикчи уругунун Чүйдөгү жерин орус келгинд ерине тартып берип, өзүлөрүн Каракол жана Кочкор сууларынын боюна көчүүгө аргасыз кылган. (Талызин А. Памятная книжка Семиреченского областного статистического комитета на 1898 год. – Т.П, Верный, 1898, с. 38).
1863-жылы Үмөтаалы орустарга каршы чыгып, АтБашы, Аксайга көчкөндө Төрөгелди Кочкор, Жумгал жергесинде калып калган. Бирок ал Үмөтаалыны ар тараптан колдоп турган. Мисалы, 1867-жылдын июль айынын башында Полторацкийдин аскердик тобу Үмөтаалынын Чатыр-Көлдө тургандыгын угуп, ага каршы аттанганда, Төрөгелдинин адамдары аларды алыскы татаал жолдор менен алып барып, Үмөтаалынын орустардан качып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Ошондой болсо дагы 1864-жылы жалпы сарбагыш манаптары менен бирге Төрөгелди дагы орустардын бийлигин таанууга аргасыз болгон. Ушул мезгилден 11 жыл өткөндөн кийин 1875-жылы каза болуп, сөөгү Кочкор суусунун түндүк тарабындагы Төрткүл жана Молдо Кылыч айылдарынын аралыгындагы жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
Кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш мезгилге туш келген коомдо жашаган Төрөгелди баатыр эл башкаруу менен алардын камын жеп, эркиндигин, бейкуттугун сактоого аракеттенгендиктен элдин эсинде унутулбай эскерилип келет.
Рыскул ЖОЛДОШОВ
БАЛБАЙ БААТЫР
Балбайдын энеси Айжан сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан Атаке баатырдын кызы. Демек, Карабек, Ормон, Жантай, Шабдандар – Балбайдын тайы болуп калат. Айжанды Эшкожонун агасы Эшим алмак. Бирок күйөөлөп барган күнү ал асманды карап: «Опээй, биздин ай бизди ээрчип, быякка келип калыптыр» – деп делдейгенде өргөөдөгү Айжан: «Э, кокуй, күйөө чалакайым аңкоо беле? Мындан түзүгүрөөгү жок бекен?» – деп Эшимди чанып коёт. «О, каакы, кайындаган жериңди чанба, калыңын жеп койгонбуз, жок дегенде эки бир туугандын бирин танда» – деп энеси безилдеген соң Эшкожону жактырат Айжан. Баатырдын кызы болгондуктан, күйөөнү өзү тандап, кудалаган Эшимге эмес, иниси Эшкожого башын байлайт. Ошондон тартып кайненеси Айжан дебей, Айжылан деп чакырып калат. Айжан – этинен эт кессе кыңк этпеген, колдон суурулган жыландай чыдамкай, чыйрак чыгып, Айжылан деген атка татыктуу болуп, кайненеси: «Келиниме көз тийбесин үчүн Айжылан деп чакырам» – деп актанчу экен.
Балбай боюна бүткөндө Айжан жолборс жүрөгүнө талгак болот. Кеп анын эмненин жүрөгүнө талгак болгонунда эмес. Кеп Эшкожо жолборс чаптырганы аңчы-капканчы жигиттерин Иле боюна аткарганында, жолборс чаптырганында. Бала төрөлгөндө бир колуна кан, бир колуна тон комогун чеңгелдеп түшөт да, шилиси буржуюп бир моюн болуп калат.
Атасы Эшкожо ала аяк ат минген, Күрмөнтү, Сарыбулак, Сарытологой, Каркыра багытта көчүп-конуп жүргөн, бир айыл ага-туугандарын эттен-аштан өксү кылбай күзүндө куш салып, кышында сонорлоп тир байлап, чырга сүйрөтүп, каргы тагып тайган агыткан аңчы-капканчы, алибеттүү, элбагар адам болгон. Бир күнү эрте менен уудан келатса, алдынан Алдаяр элинин карыясы Мойт аке жолугуп, көргөн түшүн айтат. Анын түшүн угуп, ичинен баласына жоруп үйүнө келсе, зайыбы уул төрөп койгонун көрөт. Бул 1791-жылдын тогуздун айына туура келет. Карыянын түшү туш келип, баланын атын Балбай коёт. Балбай жерден боорун көтөргөндө, атасы кайда барса, өзү менен кошо ала жүрөт.
Балбай жетиге чыкканда өмүр бою эсинен кетпей калган коогалаңдуу бир окуя болот. Бала энесинин койнунда сүт уйкуда жаткан. Адеп чаңк эткен үндөн энеси бир түйшөлүп, анан каңк эткен үндөн чочуп, жаздыктан башын көтөрө коюп, боз үй жылчыктарынан өчүп-жанган отторго көзү урунат. Энеси көйнөгүн этине салып, мата чапанын желбегей жамынып сыртка чыккыча, кереге жыгачтары, уук баштары кычырап, чамгарак талп этип коломтого түшөт.
«Кокуй! Кокуй! Астапыралда!..»
Боз үй ичи алачакмак, будуң-чаң боло түшөт. Чай-чуй! Баң-буң! Жарк-журк!.. Жер силкиндиби? Эмне болду? Алыстан айгырлар азынап, бээлер кишинеп, төөлөр боздоп, уйлар өкүрүп, кой-эчкилер муңкана маарап, иттер улуп, теребелдин тополоңу тоз. Жаргак шымын чала кийген жети жашар баласын колдон аткып, энеси атылып сыртка чыгат. Колдоруна чычала, шамана кармаган атчан сөлөкөттөр ар кай тушта дүпүрөтө чапкылап, өргөөлөргө өрт коюп жүрөт. Кындан суурулган кылычтар абада ышкырып, кез келгенди шылып өтүүдө. Энеси Балбайды жетелеген тейден кабак беттеп, жар ылдый кулап, томолонуп-жумаланып барып, өзөн боюнда өскөн калың бадал арасына кирип кетет.
Таң жээк салып, айлана агара баштаганда, журтта катуудан казан, жумшактан күл калганын көрүшөт. Өрт басаңдап, ар тушта быкшыган түтүн, додо-додо кара комок жатат. Айбат кылгандын кардын эшип, бакан көтөргөндүн башын шылып, айылды кызыл уук кылып чапкан соң тээ күңгөй беттерде улам адыр ашып, кыя кесип, өзөн кечип, чабылган калың малды айдап, саңсаң тон, малакай кийген каруу-жарактуу кишилер салып-уруп, желип-жортуп узап барат.
- Калмактар!.. Шибээ-калмактар!..
- Атам?.. Атам кайда?..
Атасы жылкычылар менен жылкы четинде эле. Түн бир оокумда капылеттен кол салган жоо жылкычылардын эсин эки кылып, ар туштан каптап, аттан учура баштаганда, чокуга чокмор жеген Эшкожо аттан ооп жыгылган тейден таңга жуук гана көзүн ачкан. Күйөөсүн издеп, аялы Айжан менен баласы Балбай өр таянып, жылкылар жайылчу жанбоорго келгенде, Эшкожо аттан учкан жерде жаткан. Эшкожо эсине келип, кан уюган көзү ачылбай, эчтеме көрүнбөй, дүйнө айланкөчөк болуп, таң аткыча шыраалжын арасында жаткан…
Мына, бул окуя жети жашар баланын (Балбайдын) эсинен кетпей калган. Албетте, чокуга чокмор жеген Эшкожо оң көзү соолуп, тирүүлүккө кайрадан илээшет. Бул жортуул 1798-жыл күздүн коңур түнүндө Каркырада болгон. Суроо туулат: бул турмуштагы чындыкпы? Чындык! Себеби доорду, убакытты, окуяларды салыштырып отуруп иликтеп, тактап отуруп окуянын ордун, убактысын, чындыктын көзүн табууга болот.
Балбай 12 жашында эле торпок минип, кой кайтарып, Дөңгөлөксаз, Миң-Жылкы, Уларбаспас, Көөчү, Корумду, Каркыра, Кышната, Табылгыты капчыгайларын, жайыттарын, өрүштөрүн, булуң-буйтка, жылга-жыбыттарын аюунун чээнинен коёндун жатагына чейин билген. Он төртүндө биринчи ирет душман менен беттешип, он бешинде барымтага кеткен жылкыга тийип, он алтысында бугуларга ар дайым катылып, айылын чаап турган калмактардын мизин кайырган. Он жетисинде Түптүн Карабаткагына буктурма коюп, Миңжылкыдан Жылкы чаап келаткан уурулардын жүрөгүн түшүрүп, капылеттен чыга калып, «балбайлатып» ураан чакыртып, көп малды ажыратып калган.
Баатырды бала кезден эли билген,
Жол чалып кыйындыкта жоого кирген…
Балбай эр жеткени эзели бел чечип жаткан эмес. Сегиз сайча ак бараңы, чылк тарамыш менен көктөгөн кандагай шымы, ак чопкут, ок өтпөс соот кийип, түпөктүү сыр найзасы, белинде айбалтасы болгон. Бугу мүйүзүнөн жасалган дары салгычы, алты кисе октору, кебез милте, куу, тинте, оттук таштары дайыма бел курунда жүргөн. Ээр-турманы шай, Бүргөтору, Сурайгыр деген жараган аттарды минген. Көбүнчө жоого жайдак минип кирген.
Балбай бүт тулкусу менен бурулуп караган, мойнуна кол батпаган нык, тыгырчык, чарчы, күйкө сакал, кыл мурут, көзүнөн от балбылдаган, кишини таамай караган, саал чулдур, айтканынан кайтпаган, бет алганынан тайбаган, антынан жанбаган сырга бек киши экен. Кургатылган уу коргошунду күрмөсүнүн этегине кырка тиктирип, жолго же жоого аттанганда чайнап, артынан канжыгадагы чалабынан жутуп алчу дешет. Дөшү таптаган Кулубек деген устасы, он көөрүкчүсү, он барсканчысы, көмүрчү, темирчилери дайыма жоо-жарагын жасап турган. «Эразаматтын асынган жоо-жарагы шай, минген аты күлүк, алганы акыл карачач, тайганы алгыр, кушу илгир, энеси камбыл, атасы даанышман, ишенген балдары, жоо чабар достору болсо кор болбойт» – дечү. Аттанганда Актаман деген тайганы ээрчип жүрчү.
Жылкыларын алдырып, из кууп, жок издеп барган Балбайды Ормон орго салдырат, жолуна буктурма койдуруп, кулагын кыңырак менен саяк кемпирге кестирет, далысына көкташ тыктырып, ордун үстүнө күн көрүнбөгөн кара алачык тиктирет. Ошол ордо Балбай алты ай колу-буту кишенделип, сакал-муруту өсүп, тырмактары мүйүз болуп сасып-чирип жатат. Балбайга көрс өткөн кордук көкөйүнөн кетпей, ичине кек болуп түйүлөт.
Боронбай: «Баатырдын жогу билинди, эл-журтка керек экен, душманга сүр экен, эптеп чыгартып алалы» – деп, Ормонго кырк күлүк, миң жылкы айдатып, элчилерин жөнөтөт. Кудасын кыйбай, анын үстүнө «жүрөгү өлгөндүр» деп, Балбайды туткундан бошотууга, ордон чыгарууга макул болот Ормон. Балбай эшиктен кирип, босогону нык басып, камчысын кармай келип отурганда, Ормондун кыраакы зайыбы: «Чунак кулактын колдоочусу кошо кирди, пири көкжал турбайбы, сеники канчык. Дөбөт дөбөттүгүн кылат, босогоңду тепсеп өттү. Түбү ичинде кеги бар, сестенбей отурат, сени акыры оң кылбайт. Же достошуп, колуна куш кондуруп, кыз берип узат» – десе, Ормон: «Катындын чачы узун, акылы кыска, сен эмнени билесиң, жүрөгү өлбөдүбү, мындан ары баш көтөргөнүн көрөм» – деп зайыбынын тилин албай коёт.
Балбай кетээринде Ормон: «Кулак кести кулум, эми кутурба, сарбагыштардын четине жолобой жүр. Мындан жаман болуп каласың» – деп зекийт. Балбай: «Мындан да жаман болчу беле? Сенин элиң жөн жүрсө, мен да жөн жүрөм» – деп аттанып кетет. Ормон: «Артынан карап тургулачы, жүрөгү өлсө артын карайт, жок ичинде кеги калса, кылчайбай кетет» – дейт. Жигити сокур Бөрү караан үзүлгүчө карап туруп, Балбайдын кылчайбай кеткенин Ормонго кабарлайт…
Ормондон кордук көрүп, көңүлү калган Балбай элине келген соң жүрөгү муз менен таш болуп эч эрибей, ичи жылыбай ого бетер жек көрүп калат. «Эч кимге элимди кул кылбайм, жеримди тепсетпейм, кулдук урбайм, кошомат кылбайм. Баскынчы, чапкынчы, жортуулчуларга каршы Ормон эмес, бир боорум болсо да каруу казык, баш токмок болгуча, чечекей көздөн аккыча, кашык кан калгыча кармашам» – деп өзүнө өзү ант берет. Кулубек уста: «Бугу элине акыл табаар баш керек, жол көрс өтөөр баатыр керек. Баатырга жакшы жарак керек» – деп атайы арнап жасаган айбалта менен сыр найза тартуулайт. Кыясы баатыр да: «Коркок доодо өлөт, баатыр жоодо өлөт. Үйдө жатып өлгүчө, жоодо атып өл» – деп кайрат берет. Ойго батып отурган Балбай ошондон соң жоро-жолдошторун алып, Хантеңирге чейин чыгып, ит агытып, куш салып, Иле боюнан жолборс чаап, көргөн запкысын унутат, көңүлү көтөрүлүп бугун таратат, капасын жазат, кайрадан кол курап, эл четинде, жоо бетинде турат.
Ошол жылы жаз кеч келет. Мал арыктап, жилиги үзүлүп, ороо түбү эңшерилип, кап түбү кагылып, катын-бала, кемпир-чал жалаң эр-бүлөнүн көзүн карап, каатчылыкка, ачарчылыкка дуушар болот. Казан оттон түшүп, карыларды ак шишик ала баштайт. Балбай ары ойлонуп, бери ойлонуп, эмне кылса да элин аман сакташ үчүн амал-айла издейт. Ал кезде кыргыздар балыкты жыланга окшотуп, тамак катары жечү эмес. Балбай жигиттерин жыйнап, тасмадагы калың өскөн ак чийден жулдуруп, тосмо соктуруп, кыл аркан тарттырып, казык кактырып, Түп суусун бөгөп, туш-тушун чым менен курчап көлмө жасатат. Көлмөнүн аягына чий тостуруп, сууга тор салдырат. Торду атка сүйрөтүп чыгып, толтура түшкөн балыктарды жалпы элге таратып бер дирет.
Тилине тибиртке чыккандар болбой коёбу. Кээ бирөө лөр ошондо суудагы балыктарды «Балбайдын кер боруктары» атаптыр. Көл башында аштык дүмбүл болгуча бугу эли «Балбайдын кер боругу – балык» менен жан багыптыр. Карыпты көрсө камыккан, жардыны көрсө жабыккан баатыр ар дайым элинин ысык-суугуна күйө билген, жамандыкка түтө билген. Элден санаасы тынып турган кезде чабарман: «Ормон «катын бугудан» алман алам, төлөбөсө түтүнүн түрө чабам» – деп сарбагыштан кураган каруу-жарактуу калың кол менен келатат деген суук кабар жеткирет. Ормон да буканы мүйүздөн кармап жыккан, бууранын тамагына камчы такаган, Кенесары менен Ноорузбайды кыйраткан, «Ормон опуза» деген атка конгон адам болгон. Бугуларды «катын бугу» деп басынтып теңине албай, «бул үкү жапалак менен сасык үпүп тукумун курутам» деп келатканы бекер эмес эле.
Бирок өз башына каран түн түшөрүн, Балбайдан ажал табарын билбей: «Боронбай менен Балбайды дагы чөгөлөтөм» – деп «Ормон опузага» салып, айыл-айылдын четинен тиет. Сарбагыш жигиттери желелерди кыркып, жылкыларды айдап, келин-кыздарды олжолоп, өлчөөсүз кылмыш кылышат. Аңгыча «Балбайлап» ураан чакырып, тоодон түшүп келаткан калың кошуунд у көргөндө, Ормондун жигиттери жапырылып качат. Алды батышка имерилип, келген жагына бет алганда Ормон: «Ой, иттер, «катын бугудан» качкан кандай бокжү рөксүңөр? Тарткыла кайра!» – деп, мылтык аттырып, сурнай тарттырып, камчыга алып, колунун көптүгүнө салып, албууттана, долулана, өзү баштап майданга кирет. Өңүттө жаткан Балбайдын жигиттери: «Качыралыкпы, эмне кылалы?» – деп сураганда, дүрбү салып секиде турган Балбай: «Саал токтой тургула, сабыр кылгыла. Обору ачылган Ормон олжого бата түшсүн, колу байлансын, жүктөнсүн, байлык башын жутат» –дейт.
Ормон колуна эмне тийсе алып, талкалап, жаман катын, жаш балдарды каптап кирет. Ормондун жигиттери Балбайдын келиндерин аттан жыгып, тырпыратып басып, уйпалап жатканда: «Абийиримди ачтырып, чунак акем эмне кылып жүрөт? Э, кокуй, баатыр деген кайда, куткарбайбы ушундайда?» деген ач кыйкырыкты кулагы чалып, зордукка чыдабай ызасы ташып, чыдамы кетип: «Сой! Жой! Ат! Чап! Капта!» – деп сүрөөн салып, качырып калат Балбай. Чырайлуу келинди бөктөрүп жаткан баскынчы жигит бөйрөккө найза жеп кулайт. Дагы бири Ормондун туу көтөргөн жигитин аттан учура атат. Баскынчылар туш келди кача баштайт. «Качты! Карма! Кетти! Тигине Ормон!» – деп, «Балбайлап» ураан чакырган Кылыч баатыр Ормонго жетип, аттан оодара саят. «Кызыңды бербедиң эле, кысталак. Дале өлүмгө кыйбайын, өкүмдү Балбай өзү чыгарсын» – деп, Балбайга киши чаптырат.
Кылычтын атасы жашында өлгөн. Боронбай аталаш иниси Кылычты багып чоңойткон. Ормондун кызы Кулан сулууну Кылыч алмак. Сөз бекиген кезде Ормон Кылычты жетим деп кемсинтип, куда түшкөн Куланды ага бердирбей коёт. Кулан сулууну Боронбай өз баласы Өмүрзакка алып берет. Өмүрзак Кылычка караганда жөнүрөөк чыгат. Багы байланган соң айласы барбы, ичинде Кылычты жактырса да ата салтынан, ата өкүмүнөн аттай албай Кулан Өмүрзак менен жашап калат. Кылычтын таарынычы, Ормонго ызасы ошондон башталган. Кекенип калган Кылыч Балбайды алдырып, Ормондун колго түшүп калганын кабарлайт. «Колго түшкөн баскынчы Ормонду коё бериш керекпи, эмне кылыш керек, кандай өкүм чыгарыш керек?» – деп акыл сурап, Кылычты Сарт акеге жөнөтөт. Сарт акеден: «Ормон тирүү турганда бугу элине күн жок, эч качан силерге тынчтык бербейт, колунан келсе көзүн тазала, өзү келип катылган мыкаачыга убал жок» деген жооп алган соң Балбай сыр найза сабын сындырып, сол колунун жеңине катып келет.
Ормон Боронбайдын айлына жеткирилип, Күрмөн түнүн батыш тарабындагы жол боюндагы дөбөдө тигилген кызынын үйүндө эле. Дөбөдө кылкылдаган эл «Баатыр келатат! Баатыр келатат!» – деп, тең жарылып жол берет. Ошондо Балбай өргөөгө кирип келип: «Жанды найзага илип, канды көөкөргө куюп, дагы келипсиң бугу бооруңа. Саа салык төлөй албайбыз го, балык жеп атабыз. Кантебиз, жан айласы. Эки бир туугандын башын бириктирбей, караламан калкты кайра чаптың. Карачы, айылдарды кызыл уук кылып, кыйрысын ургандай кыйраттың. Каракчы калмактар да сендей кылбайт. Сен тирүү турганда, бугуга күн жок дейт го биздин Сарт аке. Колго түшкөн коёнду коё берген оңорбу? Келме кезек экен. Эмесе, сурагым ушул: кырк кез караңгы ордо күн көрбөй чирип өлгөнүңчө, мүрт өлгөнүң сооп. Мени чунак кылдың эле, сени тындым кы лайын. Көксөө суусун, кек кансын, өч бүтсүн ушуну менен. Ал энчиңди!» – деп, Ормондун колун кармап, сол жеңиндеги найзаны табарсыкка кадап, учун бурап алат.
Ормон: «Жемекчи элең жедиң, чунак! Ошондо жайлап салбай бекер бошоткон экем. Жоо аяган жаралуу. Же жаман катындын тилин албай, ажалым сенден болдубу, «катын бугу» деп, сыздаган бойдон жер таянат. Боронбай бул кандуу окуяны күтпөгөн эле. Жарадар Ормонго үй тиктирип, кызын жанына койгон. Жылдыз толгондо Ормон жан таслим кылат. Кээ бири: «Сөөгүн бербейбиз» – деп чыгат, кээ бири: «Ата салтын бузбагыла, бергиле» – деп сөөгүн элине узатмай болушат. Балбай: «Сөөгүн букага артып, чүлүктөп барсын» – десе, Боронбай намыс кылып болбой төөгө арттырып, кызына жетелетип жиберет. Ошондо боздоп-сыздап бараткан кызы Кулан атасын минтип кошкон:
Атамды Балбай сойгондо, Төрөкем, Бишкек коргондо. Канткенде кызың кан жутпайт, Атаке, каралуу элиң болгонго. Акыры сенин кунуң кууп, Төрөкем жарар намыска.
А Жантайың кирип жашынар,
Көтмалды башы камышка…
Балбайдын колунан Ормондун мерт болгонун укканда Төрөгелди мурутун булкуп, ордунан тура калат. Дароо кыр-кырдагы жигиттерин шыпырып түшүп, кол курай баштайт. Балбай жайлоодо жатканда, Ормондун кунун кууп, Төрөгелди менен Үмөтаалы сан кол менен келет.
Балбай айлын баштап, аны ээрчиген эл менен Каркырага көчүп кеткен. Анын себеби Боронбайдын үйүндө аксакал, көксакалдар чогулган жыйын болуп, Ормондун кунун төлөө жөнүндө сөз козголот. «Чакыртсак эмнеге убагында келбейт, бул Балбай чунак? Азабын тарттык го» – деп Зарыпбек кыжырланып, оозун жыйгыча Балбай кирип келет. Майданда жараланып, башы таңылып, өңү жок, көңүлү суз эле. Сунулган кымызды ары түртүп, чаначтагы чалабынан чайкап жутуп алат. Боронбай: «Ормондун кунуна чаңтийбес миң жылкы берели, кыжаалаттан чыгалы, кундан кутулалы» – дегенде Балбай: «Бугу элин чабамын деп өзү келип, казасы жеткен канкорго кун берилбейт. Кун беребиз деп, журтка салык салабызбы, алман алабызбы? Талаада жаткан малым жок. Мен бере албайм» – деп, айтканынан кайтпай Балбай үйдөн чыгып кетет да, Каркырага көчөт.
Бирок Боронбай, Муратаалы, Тилекматтар акылдашып отуруп: «Төрөгелди менен Үмөтаалыны ак боз бээ союп, кол куушуруп тосуп алалы. Кун төлөп кутулалы, мындан башка жол жок. Өлөр Ормон өлдү. Канга-кан десе, өлтүргөн Балбайды тындым кылып тынышаар. Бизде эмне жазык. Элдешип конокт оп, айтканына көнөлү, сураганын берели. Балбайдын айы нан дагы кырылышабызбы?» – деп аттарды жайдактап, жайытка коё берип, жай уктап жатканда, Төрөгелди жортуулдап келип буйткага өрүүн болгон колун түн ортосунда тургузуп, бугуларды чаап кирет. Көп айылды кыйратып: «Эми Балбайдын өзүн кармап өз колум менен соём» – деп Каркырага аттанат.
Камдуу жаткан Балбай өзү баштап чабуул коёт. Жер өңүтүн мыкты билген ал Сурайгырын жайдак минип, ар туштан айкырык салып, Төрөгелдинин колун ителги таанга тийгендей кылат. Кызылкыяны ашып, Төрөгелди шашып калганда буту сынып, аттан жыгылат. Ал колго түшүп, бутун шакшакка таңдырып, туткунда жатат. Буту айыгайын деген сайын: «Кана, баатырдын буту кантип калды экен, көрөлүчү» – деп келип, качырата кармап, кайрадан сындырып турат Балбай. Балбай дагы ызалап, Төрөгелдини чүлүгү жок өгүзгө тескери мингизип токой аралатып коё берет. Эшектин мээсин жегизген деген да кеп бар. Үмөтаалы көлдү үч айланып, бугуларды дагы чабат…
Балбай «булар менен эл болбой калдык» деген ойдо биротоло кол үзүп, башка эл менен биригүүгө жол издейт. Ошондуктан, «орустун пейли кең, калыс эл. Кокондуктар менен Ормондун тукумуна кор болгуча, ошол элге букара бололу» – деп Омскиге жөнөткөн элчилердин кат-наамасына бармагын басат. Ошого карабастан, Балбайдын өзүн орустарга каршы деп, кийинки султан Зарыпбек генералгубернаторго жаман көрсөтүп коёт. Орустарга кылган ак кызматы үчүн Балбайга арналган сыйлык жетпей калган. Балбайдын баласы Мойноктон берип жиберген БатышСибирь генерал-губернаторунун кат-наамасын жолдо баласы сууга түшүп жаткан жерден уурдап алышып жок кылышат. Бара-бара орус төбөлдөр жергиликтүү кыргыздарды адам катары санабай, айбанча мамиле кылып, абийирсиздигин, канкордугун, мыкаачылыгын көрсөткөн соң, алардан да Балбайдын көңүлү кала баштайт.
Боронбай дүйнөдөн өткөн соң, Зарыпбек султан болот. Буга Балбай каршы чыгат. Зарыпбек султан болгондон тартып, ага Ташмамат деген кокондук соодагер жармашат…
Балбай Каркырадан Текес тарапка көчөт. Ал көчкөн соң, Зарыпбек орус өкмөтүнө чагым жеткирет: «Аманатыңарды албай койду. Орусуңду көзүм көрбөсүн деп, сары капырдан кара капыр артык деп, Кытайга аша качты. Ал акылга көнбөгөн, айтканын бербеген бир мүнөз, кыяр, көк киши. Кытай менен тил табышып, бизге бир балаа баштаган турат. Ал адамдан коркпойт, буурадан гана коркот. Үч жүз чамалуу айлы, алты жүз чамалуу колу, каруужарагы менен үч миң жылкы айдатып кетти. Оорунун алдын алган жакшы деп, сиздерге атайы билдирдим» – деп жалган жалаа жаздыртат.
Балбайды каралап жаздырган чагым улуктарга тие т. Полторацкий башчылык кылган куралдуу отряд Алматыга келет. Балбайдын кайда жатканынан, курал-жарагынан, кошуунунан кабар алдырып, Полторацкий султан Зарыпбекке кездешет. Ал: «Аңдып барып, амал менен кармабасаңар, оңойлук менен колго түшө койбойт» – деп отряд башчысына тыңчыларын кошуп берет. Полторацкий бул амалды макул көрүп, аңдып барып колго түшүрбөсө, бир балаа башташы мүм күн деп өз жанынан коркот. Солдаттарды кытайча кийинтип, Телтору менен Күчүк деген тыңчыларды алдына салып, Текеске жөнөйт.
Балбайдын эли Кытайдын Көктерек деген жеринде эле. Балбай ууга кеткен. Үйдө оорулуу Матай отурган. Тыңчылар: «Султандан келдик, баатырды кайдан табабыз, салам-дувай, жакшы кабар бар» – деп сылык сүйл өшөт. – Келээри менен Кулжага келсин, зоболосун көтөрөт. Экинчи чакырууда үйдө болсун. Айткыла, биз менен Кулжага барат» – деп тил эмизип кетишет. Жунуш уудагы Балбайга жетип, Көктеректеги үйүнө тыңчылар менен солдаттар кытайча кийинип келгенин кабарлайт. Ошол учурда Балбайдын эски оорусу кармап, үйүнө араң келип түшөт. Уулжан: «Баатыр, мен коркуп турам, түшүм жаман. Үйгө жатпасаңызчы, кармап кетишпесин» – деп эскертет.
Сөзгө алаксытып отурганда солдаттар жыла келип, боз үйдү курчап калат. Түн эле. Желе менен көгөндөрдү кыркып: «Сыртка ким чыкса, атылат!» – деп буйрук кылышат. Үч стражник менен Полторацкий үйгө кирип, оорулуу Балбайды төшөктөн табат. Балбай каадасынча уу коргошун чайнап жаткан. Тирүү жеткириш деген тыңчылар: «Баатыр, кана аттаныңыз. Чындап эле камай турган болсо, кол курап ажыратып алабыз» – деп түпкү максатын билдирбеске аракет кылышат. Баары бир солдаттар курчап турган соң Балбай туткун болбоско аргасы калбай калат. Оорулуу адамды атка мингизип айдатып барганын оңтойсуз көрүп турса да, орус офицери качып кетпесин деп чочулап, койчунун атын туура тарттырат. Уулжан: «Өзүнүн Сурайгырын мингизгиле, муну менен ушунча узак жолдо кантип барат» – деп жалдырап суранат. Бирок жолдо балакет баштайбы деп, Сурайгырга мингизбей колу-бутун байлап, койчунун атына мингизип айдап жөнөйт.
Балбайга жакшы санаалаш ага-туугандарынын башын кошуп, Өмүр, Матай, Тагайлар акылдашып отуруп, Ашырбай менен Жунушту аттап, тондоп, улуктарга берчү парасы, жыйган теңгеси менен Алматыга узатышат. Коңур күз эле. Балбай бутуна кишен салынып, Алматы түрмөсүндө жатканына көп болгон. Алар Эшкожого кудалыгы бар, казак Деркембай ажыныкына келишет. Балбай түрмөдө элинен кабар келбегенине капа болуп, «Калдыңбы, кайран Ысык-Көл?» деген казалын айтып, арман кагып жаткан. Казалды түрмөдө бирге жаткан казак жигит жазып алган.
Улуктарга олчойто пара берип жатып, Ашырбай менен Жунуш Балбайдын үстүнө кирүүгө уруксат алышат. Балбай сыз жерде эски оорусу кабылдап, арыктап, начарлап калган. Анын үстүнө денесине уу сүртүп салышкан. Бирок акыл-эси калыбында эле, андыктан болгонду болгондой төкпөй-чачпай айтат: «Менин душманым орустар эмес Зарыпбек. Байкабай калган экем, дары сүйкөмүш болуп, денеме уу сүртүп салышты. Бала күнүмдөн чайнаган уу коргошундун күчүнөн денем булардын уусун кабыл албай жатат. Бирок алсырап, кыйналып калдым. Акыры өлө турган болгон соң, мени кармап эмне кылышат? Эптеп чыгарып алгыла. Жаным боз үйдөн чыксын. Балдарыма көз кырыңарды сала жүргүлө. Башка заман да келээр, адилеттик да болор. Ошондо Балбайдын бейажал кеткенин айта жүрөрсүңөр».
Буларды айтып жатканда, кайтарган солдат жанында угуп турган. Ал баатырдын абалын төрөлөрүнө жеткирет. Көрөр күнү, ичээр суусу түгөнүп калган Балбайды чоң пара менен Деркембай ажыныкына чыгарып келишет. Ал бардар турган, ак сарай курган, кыргызга боорукер киши болгон. Анын үстүнө кудалык жайы бар. Ошентип, Балбай өз элине жете албай, Алматыда Деркембай ажы көтөрткөн боз үйдө жарык дүйнө менен коштошот. «Түрмөдө ажалынан өлдү» деген акт жазылып, өлүктү ооруканага алып барышып, этин шылып, текенин терисинен жасалган чаначка сөөгүн салышат. Барган кыргыздар сөөк артынан жолдоката өбөктөп-өксүп отурушат.
Кеч күздө Алматыга келген Колпаковский: «Балбайды туура эмес кармаганбыз. Беш ай калганда бошотуу буйругу болгон. Бирок буйрук убагында жетпей калган. Анын өлүмүнө биз күнөөлүү эмеспиз. Кыргыздар өздөрү күнөөлүү, каралап, жамандап, бизге чагым жазышкан» – деп билдирген. Түрмөдөгү казалын бирге жаткан казак жигит кийими менен кошо ала барган. Немец фотограф тарткан Балбайдын түрмөдө түшкөн жалгыз сүрөтү болгон.
* * *
Ниязбектин сегиз бек – Ормон, Төрөгелди, Жантай, Алыбек баатыр, Үмөтаалы, Кенесары, Ноорузбай, Тезек төрө окуя лары өзүнчө карала турган тарых. Балбай, Боронбай, Муратаалы, Тилекмат, Качыбек сыяктуу инсандардын орустарга жана орус империясына, кытайларга жана Кытай империясына, Кокон хандыгына, Анжыян кыргыздарына, калмак жортуулдарына, казак жүздөрүнө мамилеси, күрөшү, жарашы, элчилиги, соода-сатыгы, каадасы, салты, жосуну, мүнөздөрү деталдарына чейин атайын изилдөөлөр аркылуу такталууга тийиш. Балбай таржымалынын урунттуу даталары негизинен төмөнкү жылдарга туура келет:
1791-ж. – төрөлгөн жылы.
1798-ж. – калмактардын жортуулу.
1806-ж. – чапкынчылар менен жаш Балбайдын биринчи беттеши.
1808-ж. – Миңжылкыдан жылкы тийген ууруларга каршы жасаган Карабаткактагы буктурма.
1812-ж. – кыргыз элчилеринин Омскиде болушу.
1820–1825-ж.ж. – Көл өрөөнүнө Кокон чептеринин орношу.
1830–1850-ж.ж. – саяк-сарбагыш, саяк-бугу, сарбагышбугу чабыштары.
1842-ж. – Кокон хандыгына каршы кыргыздардын көтөрүлүшү.
1843-ж. – Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөңдөгү чептердин кыйрашы.
1850-ж. – Цин империясынын кыргыз жерлерине көз артышы.
1851-ж. – Кокон хандыгы Ысык-Көлдөгү чептерин кайра алышы.
1853-ж. – 4-сентябрь. Батыш-Сибирдеги орус бийлигине бугу уруусунун биринчи каты.
1854-ж. – Россия букаралыгына өтүүгө бугулардын экинчи каты.
1854-ж. – Бугуларга Ормондун жортуулу. Анын өлтүрүлүшү.
1854-ж. – 26-сентябрь. Качыбек Шераалы уулу жетектеген кыргыз элчилердин Омскиге барышы, эки тараптык келишим.
1855-ж. – 17-январь, орус букаралыгына кабыл алынган бугулардын анты. Он миңден ашуун бугулар Россия карамагына өткөн.
1855-ж. – Ормондун кунун кууган Төрөгелди менен Үмөтаа лынын көлдү үч айланып, бугуларды чабышы.
1856-ж. – Россия империясынын аскердик-стратегиялык экс педицияларынын келе башташы.
1857-ж. – П.П.Семёновдун саякаты жана саясаты. 1861-ж. – Россияда крепостной укуктун жоюлушу. Миллиондогон мужуктардын Сибирге, Орто Азияга, Казакстанга көчүрүлүшү.
1864-ж. – Аксуу чебиндеги казак-орустардын кыргыздарды кырышы.
1865-ж. – Кокондук тыңчы соодагерлердин келиши.
1866-ж. – Чыккынчы Зарыпбектин амалы. Балбайдын Текеске көчүшү.
1860–1870-ж.ж. – Цин империясына каршы Кытайдагы дунгандардын көтөрүлүшү. Алардын кыргыз жерине келе башташы.
1867-ж. – Полторацкийдин Балбайды кармоого Текеске барышы. Балбайдын туткундалышы. Алматыга жеткирилиши. Ууландырылышы.
1867-ж. 11-июль – Түркстан генерал-губернаторлугуна Жети-Суу обулусунун кошулушуна байланыштуу камактагы Балбай, Дүраалы, Сурыктардын ишин өткөрүп берүү боюнча буйрук.
1867-ж. 30-сентябрь – камактагыларды бошотуу жөнүндө буйрук. Ал кечигип келген.
1867-ж. ноябрь – Балбайдын жаздым болушу.
Эрнис ТУРСУНОВ
ТАЙЛАК БААТЫР
Эл ээси – казына. Анда не бир баа жеткис рухий байлыктар сакталып калган. Анын эң баалуусу – «Манас». Андан кийинки тепкичте оозеки тарых-санжыра турат. Санжыранын бир бөлүгү баатырлар жөнүндөгү баяндар. Алардын «жарымы жалган, жарымы чын, жанынан келген киши жок». Бирок биз баяндай турган окуя да жана анын каарманы да кечээ жакында болгон. Ошол каармандын ата-тегинин кыскача санжырасы: Шакир–Үч Куртка–Кудайберди–Чоро–Тоймат–Жамболот–Рыскул. Бул анын жети атасынын тизмеси. Муну көчмөн доордо жашаган ар бир инсан жадыбалдай жатка билиш мыйзам эле. Аны билбеген кул деп аталуучу. Бул да көчмөндөрдүн миң жылдар жашап келген мыйзамынын бири. Жети атадан аркы бабаларынын ысмын жана жасаган иштерин билүү айыл, уруу-урук аксакалдарынын иши болгон. Ал боюнча Сааки (Шааки) же болбосо Се деген байыркы уруунун чачырандысынын бири имиш. Санжырада ошонун уул-тукумунун бири кыргыздын оболку бийлеринин (Тагайдын түпкү бабаларынын) бирине кызмат өтөп туруп калганы айтылат. Үйлөнүп-жайланып, уул-кыздуу, небере-чөбүрөлүү болуп айылдан аймакка өсөт. Кыскасы, ошентип кыргыздын кырк уруусунун бири болуп калат. Ал Шакирден жогору санаганда 23 ата мурда болгону айтылат. Бул биздин каармандын ата-тегинин легендалык бөлүгү. Элдик оозеки тарыхта каармандын жети атасынын ичинен Үчкуртк а жана Чоро белгилүү инсандар болгон. Биринчиси, калмак чабуулунда көзгө көрүнгөн, ал эми Чоро болсо калмактардан борбордук Тянь-Шанды бошотууга активдүү катышкан. Ошол эрдиги үчүн анын ысмы оң менен сол го белгилүү болуп, саяк уруусунун бир уругу анын ысмынан улам аталып калган. Мына ошентип уруусу саяк, уругу Чоро, Жамболот айлында, оокаттуу адам Рыскулдун үйүндө 1800-жылы бугу айында уул бала төрөлөт. Бул байбиче менен Рыскулдун экинчи уулу эле. Жаздын толугунда жарык дүйнөгө төрөлгөн уулга асан чакырганда Тайлак деп ат коюшат. Анын балалык кези тууралуу эч дарек жок.
Жоокерчилик заманынын бири эле. Жамболот айылы 10–15 түтүн боз үйдөн, 5–7 кара алачыктан жана борборго тигилген 100 баш ордо ак өргөөдөн турган. Чоң ак үйдүн эки тарабында ат мамы жана чоң керме. Сол жаккы мамыда күмүш токулга менен жабдылган күлүк ат ойноп турат. Оң тараптагы мамыда жупуну ат жабдыгы ме нен токулган ат турат. Анын биринчиси айыл аксакалыныкы, экинчиси чабармандын аты. Кермеде ар бир түтүн ээсинин орду бар. Экинчи керме коноктор үчүн. Үйлөрдүн эшиги чыгышка карап уй мүйүз түрүндө тигилген. Айылдан алысыраак дөңдө он чакты адам уй мүйүз тартып отурушат.
Түш ооп калган кез. Аңгыча чыгыштан он атчан, батыштан он атчан бири-бирине каршы ат койдуруп калды. Алар жыйылгандардын бет маңдайына келишип эр сайыш, эңиш, кылыч чабыш жана сыйыртмак ыргытуу боюнча өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты. Акыры «уруш» бүтүп, жигиттер аттарынан түшүшүп, дөңдөгү карыялардын алдына келип таазим этишти. Карыялардын тобунан теке териден шым кийген, чий баркут менен тышталган бешмантын күмүш кемер кур менен тыгыз курчаган, төөнүн жүнүнөн согулган таар чепкенди желбегей жамынган, ак калпакчан карыя ордунан шашпай туруп, көк асаба туунун алдында тизилип турган жигиттердин жанына басып келип мындай деди: «Бүгүн Атантайдын чоролору жеңди, алар көнүгүүнүн бардык түрүн так жана мыкты аткарышты. Ал эми Тайлактын жигиттери сыйыртмак ыргытуудан ката кетиришти. Ошондуктан жеңилишке учурашты. Бүгүн ушуну менен көнүгүү бүттү. Жоо жакадан, бөрү этектен алып турган учурда ар бир жигит мыкты жоокер болууга тийиш. Эртең жаа тартуу, мылтык атуу боюнча жекече мелдеш болот», – деди да алаканын үч жолу чаап койду. Тиги ак өргөөдөн эки боз улан кол чаначты көтөрүп, эки келиндин коштоосу менен дөбөнү көздөй жөнөп калышты. Суу сунга кымыз ичилип, отургандар жай-жайына та рашты.
Эртеси бешим намаздан кийин дөбөгө карыялар биринин артынан бири келе башташты. Алар жыйылып бүтөрү менен төрдүн кичине суусунун ары жагынан Тайлак он жигити менен келди. Тайлактын мингени асый чыкма чоң тору, кийгени жоо кийими, белинде болот кылыч, жонунда кара бараң. Жигиттердин баарында жаа, саадак, кылыч. Аңгыча коңшу айыл тараптан Атантай он чоросу менен келип калды. Эки тарап тең аттан ыргып түшүшүп, катар тура калышып, карыяларга таазим кылышты. Атантайдын мингени турпаты келишкен боз ат, асынганы ак бараң. Эки карыя көк тал союлга ашталган эки каракчыны бута атым аралыкка орнотушуп кайтышты. Карыя жоокердин жышааны менен мелдеш башталды. Эки тарап тең он бирден ок чыгарышты. Андан кийин улаштырылган бакандын башына илинген жамбыны ат желдирип баратып атышты. Ага жалгыз Тайлактан башка эч ким тие алган жок. Анан жаа тартуу мелдеши башталды. Көнүгүүдө Тайлактын жигиттери утушту. Бул жумасына бир жолу боло тург ан көнүмүш мелдеш эле. Ага төрт айылдын жигиттери катышуучу. Көнүгүү ар бир айылда кезек менен өткөрүлүүчү. Ар айылдан он жигит жана алардын жетекчиси кы лыч чапканды, найза сайганды, жаа тартканды мыкты билген барымталарда, кандуу чабыштарда сыналган орто жаштагы адам боло турган. Ал он башы болучу. Анын негизги милдети өспүрүмдөрдү жоокерликке үйрөтүү, айылды коргоо жана айыл аксака лы менен бирдикте уруктун башчысы менен байланыш түзүү болгон. Жоо керчилик замандын биринчи чарбалык, аскердик ячейкасы айыл эле. Ал негизинен бир атанын балдарын бириктирип турган, бирок арасында өз айылынан ар кандай себептер менен ажырап (жетимжесир, таяке-жээн, бөлө-бөлөк жана согушта колго түшкөндөрдүн тукумдары) айылга келип туруп калгандар да кездешкен. Айылдан сырткары эч бир адам жашай алган эмес. Айылдын өзүнүн мыйзамы болгон эмес. Ал уруунун мыйзамына, адатына баш ийген. Анын ар биринин аты болгон. Адатта ал айыл аксакалынын же жергиликтүү бай жана мансаптуу адамдын ысмынан аталган. Нарын дарыясынын оң жээгин саяк уруусунун эки уругу жердешкен. Анын бири Чоро, экинчиси Ыман эле. Ал эми анын сол жаккы жээгинде басыз, чоң багыш урууларынын өкүлдөрү жайлашкан, кытай менен коңшулаш Ат-Башы тарапта черик уруусу турган, ошол саяктардын Чоро уругу төрт айылдан, ал эми Ыман уругу да төрт айылдан турган. Ар бир айылдын өзүнө атам заманынан бери бекитилип берилген аймагы (кыштоосу, жайлоосу, жаздоосу, күздөөсү) болгон. Төрт айыл биригип уруктун аймагын түзгөн. Эзелтен Ыман, Чоро бир уруктай болуп канатташ кыштап, жайлап жоодон чогуу коргонуп, душманга чогуу аттанып, ысык-суукту бирге тартып калышкан. Ошондуктан аларды адатта ажыратпай эле ыман-чоро деше турган. Ошого карабастан ымандын өзүнүн бийи, чоронун өзүнүн бийи болгон. Эки урук кырктан жигитти коргонуу ополчениесине берүүгө милдеттүү эле. Алардын милдети Оң жээк Нарынды башкалардан коргоо, ыман-чоронун канын кууп, намысын сактоо. Үч жылдан бери кырк жигитти Тайлак жетектейт. Ал эми кан атташ басыздар, моңолдор Атантайдын кол башчылыгы менен бардык иштерге бирге катышып, бир эл болуп калышкан. Акыркы беш-он жылдын ичинде жарыша өсүп келе жаткан Атантай менен Тайлактын жетекчилиги менен башка уруулардын кол салуулары тыйылып, эл ээн-эркин Нарындын эки жээгин кыштап, жаздап жана күздөп, ал эми жайкысын Аксай менен Соңкөлдү жайлап тынчып калышкан. Кыргыздардын өз ара чабышканы токтогону менен сырткы душман циндик кытайдын зомбулугу күчөп, эрте күздө «чек араны көзөмөлдөө» деген шылтоо менен Аксай, Арпаны аскер менен кыдырып «салык жыйноого» өттү. Кээде түз эле талоонго киришип кетишчү болду. Бул алардын агрессивдүү саясатынын «калмак мурасын» кытайга кайрып алуу жөнүндөгү эски ойлорунун чагылышы эле. Бул Тайлактын коргонуу отряддарын түзүүгө аргасыз кылды. Анын бул оюн Атантай колдоп чыкты. Үч жылдан бери Тайлак баштаган кырк жигит аяк оонанын ортосунан тогуздун айынын аягына чейин шайма-шай болушуп, айылдарды кыдырып, кытай тарапка кулак кагып, келген-кеткендерден кабар алып турчу болду. Кытай чек ара сакчылары Кашкардан батышка бет алгандыгы жөнүндө кабар алынары менен кырк жигитке эр бүлөнүн көпчүлүгү кошулуп бир кошуун түзүп, кытай аскери чекти бузган жеринен тартып ага көрүнүп-көрүнбөй, бирок жакындабай «узатып» жүрчү адатка айланды. Кытайдын генералдары да муну туура түшүнүштү. Алар Кашкар акимине «Кыргыздар куралданып жатышат» деген билдирүүнү жасашып, бирок айылдарга келип талоон жүргүз үүнү токтотушту. Аларды бийлердин аксакалы тосуп чыгып, союш беришип кайтышчу. «Азык-түлүк жабдуунун жана баюунун бир статьясынан ажыраган генералдар жана Кашкар акими өзүлөрүнүн Пекинге жазган рапортторунда биринчи жолу Тайлак менен Атантайдын ысмын 1820-жылдары колдонушкан.
Кытай империясынын агрессивдүү саясатына ошол учурда ирденип келаткан Кокон хандыгы каршы турууга далалат жасаган. Анын аскерлери Түндүк Кыргызстандын аймактарын биринин артынан бирин басып алып, өзүнүн чептерин кура баштаган. Анын тыңчылары циндик кытайдын Чыгыш Түркстанда жашаган өзүбектерди бешинчи ко лония катары пайдаланып, жергиликтүү элди уйгурларды жана кыргыздарды капырларга каршы үгүттөшүп, ага Кокон хандыгынын таасирин күчөтүүнү жана аны өз карамагына алууга ачык эле ниеттенген. Бул эки падышачылыктын шимшүүлөрүнө кыргыздар биригүү менен жооп бере алышкан эмес. Ал гана тургай саясый бытырандылык күч алып, жеңип алууларга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Борбордук Тянь-Шанда жашаган са як, черик, басыз, моңолдор урууларын баш коштурууга аракет жасаган Тайлак менен Атантай циндик кытай мындай турсун, Кокон хандыгына каршы чыгууга аскердик кудуреттери жеткен эмес. Буга кокондуктардын диндик саясаты көп жардам берген. Ошол себептүү алардын аскеринин басып киришине ачык каршылык болгон эмес. Кокон хандыгынын аскер чептери Курткага, Нарынга, АтБашыга курулгандан кийин кокондуктардын колониялдуу эзүүсү күчөйт. Анын өзү жергиликтүү элдин кыжырын кайнатып, күрөшкө чакырат. Бирок чукулунан болгон окуя күрөштүн багытын түп тамырынан бери өзгөртөт.
* * *
Тайлак менен Атантайдын акыркы жылдары кырк жигитти аскер ишине көнүктүрүү жагдайын баяндадык. Бирок ал төрт айылдын аракети экенин эстен чыгарбоо керек. Атантай менен Тайлак XIX кылымдын ХХ жылдарында Цин империясынын чекесине чыккан чыйкан болушуп, Осмон империяс ынын Богдыханынын тынчын алышкан. Ошо шартта баары эле Тайлакты колдогон деп айтуу тарыхый чындыкка карама-каршы келет. Чынында, саяк уруусунун башкы бийи Таштанбек «тентектердин» аракетин дайым эле жактыра берген эмес. Ал «коёнек, сен мага тийбе, мен сага тийбейм» деген саясатты колдогону Тайлакка жана анын колдоочуларына жакпаган эле. Натыйжада эл бузулуп, керектүү кабарлар Кашкар акимине жетип турган. Анчалык чоң эмес аймакты ээлеген кыргыз урууларында бирдиктин болбогону, ошол кездеги кыргыз коомунун оорусу эместигине ачык далил. Цин императору өзүнүн акимдерине кыргыздардын бийлеринин бири-бири менен болгон карама-каршылыктарын толук пайдаланууну атайлап көрсөткөн. Циндик кытай менен күрөшүүнү Тайлактын бабалары баштаган. Бул жагынан алганда ал ата-бабалардын жолун жолдогон. Ушу себептүү анын «кожолордун» кыймылына катышуусу кокусунан болгон эмес. Тайлак ага даяр эле.
1820-жылы жайында Сарымсак кожонун уулу Жангир ондогон жигиттери менен Тайлактын айылына келет. Аны кабыл алуунун өзү эле Осмон империясынын каарына калуу, коңшулаштык мамилени үзүү дегендикке жаткан. Саяк, моңолдор урууларынын бийлеринин жана урук төбөлдөрүнүн жыйыны Жангирдин Кашкарга «атабабаларынын мурасын» кайруу үчүн, мусулмандарды капырлардан «бошотуу» үчүн болгон жүрүшүнө катышууга макулдугун беришкен. Бул жыйынга катышкан бийлердин жана төбөлдөрдүн тизмеси кытай архивинде жана жарыяланган документтерде сакталып калган. Алар Жангарач (моңолдор уруусунун бийи), Байбакас, Менделек (саяк уруусунан), аскер баштыгы катары (кырк жигиттин башчысы) Тайлак ж. б. болушкан. Бул жерде Жангир кожо менен Тайлак ар кандай максатты алдыларына койгондугун эске алуу керек. Куугунтукта жүргөн Жангир кыргыздардын жардамы менен Чыгыш Түркстанды Циндик кытайдан бошотуп, исламдык мамлекетти куруу «ата-баба мурасын» калыбына келтирүү эле. Ал эми Тайлактын жана аны колдогондордун максаты Жангирдин туусуна жамынып, аны колдогондордун жардамы менен агрессивдүү импердик-циндик кытайдын коңшулугунан кутулуу эле. Болочоктогу кожолордун мамлекети кыргыздарга кандай мамиле жасары белгисиз эле. Жакынкы максат циндик чек ара аскерлеринин талоосунан кутулуу болгон. Мындан сырткары Жангир кожонун негизги таянычы Чыг ыш Түркстанда жашаган уйгурлар, өзбектер болгон. Алар менен кожонун, Тайлактын да Кызылсуу, Кашкар, Жаркентте жана тоо тарапта жашаган кыргыздар менен тыгыз байланышы болгон. Бул өзгөчө багыш уруусунун бийи Суранчыга тиешелүү. Суранчы Тайлакты Кашкардагы түзүлгөн абал менен тааныштырып турганына шек кылууга мүмкүн эмес. Анткени Жангир кожонун кошууну Кашкарга бет алып жүрөрү менен Сарымсактын көтөрүлүшү чыкканы ага күбө.
1820-жылдын эрте күзү. Жангир кожо жүздөгөн кыргыз отряддарынан турган кол менен чек араны бузуп, Кашкарга кирип барганда ага Суранчынын ополчениеси кошулат. Бириккен чабуул Кашкар акимине жана чек ара аскер башчыларына мурунтадан эле белгилүү болгондуктан анын мизин кайтаруу анчалык кыйындыкка турган эмес. Жангирдин кошууну жана көтөрүл үш чүлөрдүн ополчениеси оор жоготууга учурап, чегинүүгө аргасыз болушат. Суранчы айылын таштап Арпа тарапка жигиттери менен качууга аргасыз болот. Циндик кытайдын Кашкардагы акиминин орун басары Сэ Ну Эй чегингендерди кууп отуруп, Суранчынын айлына келип бышып турган арпа-буудайды жана 30 үйдү өрттөп, 20 туткунду асып өлтүрөт. Кашкар акими Пекинге рапорт жиберет. Анда ал Жангир менен Суранчыны куугунтуктоону чек арадан алыс, кыргыз аймагына тереңдеп кирип барууга чейин улантуунун азыр зарылдыгы жок экендигин, андай чара кыргыздардын биригишине алып келээрин императордон суранган. Каш кардагы тынчтыктын болушу же болбошу анын жакын коңшусу кыргыздардын жүрүштурушу менен тыгыз байланышта экенин император толук түшүнгөн. Ошол себептүү Жангирдин кайда экенин даана билбей туруп, чек арадан анчалык алыстабоо жөнүндөгү буйрук менен чектелген. Ошол эле документте көтөрүлүшчүлөрдү «мууздап таштоо» эч унуткусуз кылуу жөнүндө буйрук берген. Жангир кожонун «бейбаштыгына» кыргыздардын катышкандыгы императордун ачуусун аябай келтиргендиги анын буйругунан көрүнүп турат. Бирок Сэ Ну Эй буйрук келгиче чек арадан өтүп, «тартипке чакыруу, жазалоо» чараларын жүргүзө берген. Кыргыздар Арпа, Аксай жайлоолорунан эрте көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Оор абал 1821–1823-жылдары да болгон. Бирок 1824-жылы Жангир кожонун чек ара бузганда кытай аскерлери чекке жакын айылдарды талоо менен гана чектелишкенин белгилөө керек. Императордун «баш кесүү» жана «башынан сылоо» саясаты төмөндөн ачык көрүнүп турат. Анын Кашкар акимине берген буйруктарында «көтөрүлүшчүлөрдү мууздоо», ал эми аларга жардам көрсөткөндөр «баштары жана мал мүлктөрү менен жооп берише тургандыктары» жөнүндө көрсөткөн. Ошону менен катар акимге кыргыз бийлеринин өз ара чатактарынан пайдаланууну жана аларга Жангирди кармап берүүгө, б. а., кызматташтыкка чакырууну сунуш кылган. Мындай кызматташтык үчүн баалуу белектер, улуу урматтуу колдоолор боло тургандыгы айтылган. Ал эми Жангирдин кыймылына катышпаган кыргыздын бийлерин сыйлоо учурунда алардан кожо жөнүндөгү кабарларды берип турууну өтүнгөн. Акимдер жана тыңчылар үчүн жазылган атайын инструкцияда кыргыз бийлеринин, старчындарынын «ич тарлыгын» билгичтик менен пайдаланууну, Тайлакты колдон келсе алардан бөлүү саясатын ишке жүзөлөөнү жүргүзүү көрсөтүлгөн. Бийлер, старчындар урматтуу конок болушуп, кымбат белек алышып жай-жайына тарап кетишкен. Бирок 1820–1824-жылдар аралыгында кытай императору жана анын акимдери кожо жөнүндө так кабар алган эмес. Алардын көпчүлүгү «кожонун кайда жүргөнү белгисиз» деген жооп берүү менен чектелишкен. Айрым бийлер жана старчындар Кашкардын акиминин жашыруун тыңчысы катары кызмат өтөшкөндүгү да талашсыз. Буга дагы бир күбө бар. 1825-жылы күзүндө Кашкар акими Юн Цин Жангир кожо өзүнүн жигиттери менен саяк старчыны Тайлактын айы лында тургандыгы жөнүндөгү кабарды алат. Бул кадимки ич тарлык – Тайлактан кутулууга жасаган аракет эле. Чынында, Тайлак өзүнүн жигиттери менен башк а айылда жүргөн. Оңтойлуу олжо алып көнүп калган аким тез аранын ичинде өзүнүн жардамчысы Баянбатуну 200 аскер менен Жангирди жана Тайлакты кармоог о жөнөтөт. Отряд чекти бузуп, бел ашып дарыяны кечип өтүп, Тайлактын «айылына» келет. Айылда Жангир да, Тайлак да жок болуп чыгат. Ачуусу келген Баянбату, адегенде айылды тоноп-талап, анан үйлөрдү өрттөп, 100дөн ашык карыларды, катын жана балдарды мууздап таштап, келген жолуна түшөт. Бул кабар жеткенде Тайлак айылга келип кулак угуп, көз көрбөгөн көрүнүшкө күбө болот. Катуудан казан, жумшактан күл калганын көрүп, айылдарга кабар жиберет. Жарым күндө кырк жигит баш болгон ополчение чогулат. «Канга кан» салтынын антын беришип, кеткен жоонун артынан түшүшөт. Экинчи күнү отряддын карааны дүрбүдөн көрүнөт. Тайлак ко шуу нун үчкө бөлөт. Биринчиси, өзү баштаган 100 жигит кытайлыктардын артынан сая түшөт да, белгилеген жерге келгенде Баянбатуну кезекке чакырат. Экинчиси, кыска жол менен отряддын алдын тосот. Үчүнчүсү, отряд өтө турган Кызыл капчыгайдын чыга беришинде борчук таштарга жашынып туруп аскерлердин ылоолорун, аттарын атып, аларды жөө калтыруулары керек эле. Бул салгылаш бабалардын «сыйыртмак» деген түрү болгон. Аны дал ошол үчүнчү топ баштаган. Алар жалаң көзгө атар мергендерден турган. Мергенчилердин тобу да кыска жол менен отрядды айлана өтүп, дал ошол мүмкүн болгон жалгыз капчыгай жолунун эки тарабынан орун алган. Кытайлыктар тоодон, өзгөчө капчыгайдан өтө коркушаары белгилүү эле. Ошол себептүү алар мергенчилер менен уруш баштабастан эле алдыга, түзгө карай токтоосуз кетээри ойлонуштурулган. Мергенчилердин башчысы элүүдөн ашык аскерди өткөрүп туруп, өзү биринчи боз атчан элүү башчыны башка атып жыкты, ошол замат капчыгайдын күн чыгыш тарабынан он мылтыктын үнү чыгып беш ат, төрт аскер окко учту. Бир аздан кийин капчыгайдын күн батыш тарабынан дал ошондой атуу кайталанды. Баянбату шашып калды. Окуя дал келди. Отряд команда боюнча эки тарапка тең ок атуу менен жооп кайтарды да, чапкан бойдон капчыгайдан чыгып кетүүгө шашты. Талап алган көр дүйнө жүк төлгөн төөлөрдүн үчөө бакырып, жанталашып жатышты. Жөө калган он төрт аскер жүк артылган аттарга ыргып минишип, от ряддын аркасынан жөнөштү. Бул биринчи беттешүү эмес экенин Баянбату куугундун жогунан сезди. Отряддын карааны үзүлөр замат мергенчилер жашынган жерлеринен коктуга түшүп келишти. Өлгөндөрдүн куралжарактарын жыйнап, минген аттарын кар мап жаткан учурда Тайлак жигиттери менен жетип келди. Аңгыча батыш жактагы жапсардан мергендердин ат кошчулары түшүп келишти. Ал жерге эки жигитти калтырып, жигиттерге мылтыктарды бөлүп берип, Тайлак карагер жоргого камчы салды. Күн улуу бешимге жакындап калган. Бир чай кайнамга жетпеген убакытта алар үч бурулуштан душман менен куйрук улаш болушу керек эле. Алдыңкылар экинчи бурулушта отрядд ын алдынан көрүнмөк. Жалгыз аяк жолду таш кулатып бөгөп салышкан. Кууш коонун эки тарабында бештен он мерген чакырылбаган конокторду эбак күтүп отурушат. Алар от ряд эсине келгиче үч жолу ок чыгарууга үлгүрүшмөк. Ошол убакта «Кара-та-ал!» деген ураан менен душманга Тайлактын тобу чабуул коюшмак. Отряд мурунку тактикасынын ийгиликтүү аяктаганын эске алып, алга карай умтулмак болгондо, Тайлак жигиттердин алдына ат ойнотуп чыгып, Баянбатуну жекеге чакырат. Өзүнүн жеке аброюн аскерлердин алдында түшү рүүнү каалабаган Баянбату аны кабыл алууга аргасыз бо лот. Тайлактын карагери жылкынын сырттаны эле. Анын жорголорго табият берген кең көөдөнү, тууралжын келген зор кебетеси, тоскоолду билбеген бир калыптагы ыргагы, оозунан чачылган ак көбүгү, каршысынын атына карап тургандарга катуу таасир калтырууда. Ал жылкы тукумунун алпы эле. Эр сайышта, эңиште жана улак тартууда бул атка эч бири тең келе алган эмес. Ал Тайлактын бардык буйругун так аткарып, баарыдан мурда өзүнүн айбан душманына айкаш башталарда катуу кишенеп кабар бергенинде турган. Кишинегенин укканда ар бир ат өзүнүн аскердик касиетин жоготуучу. Аны билген Тайлак жекеге чыкканда, жоосуна да ошол таасирди тийгизүүгө аракеттенген. Бул жолу да Баянбатуга ошондой таасир этти. Тайлак жөнүндө көп нерселерди угуп жүргөн Баянбату эми аны көз алдында көрүп турат. Карагердин үстүндө куйган кыттай кыналып отурган зор жана чың денеге куп жарашкан чарайна, чопкут, туулгалуу көчмөн ага чайпалбаган, чайкалбаган тоо сыяктуу көрүндү. Жекеге чыгуу өлүм экенин сезип, аскерлерге кайрылып бирдеме айтмакчы болуп артын караса, алардын баары мылтыктарын жогору көтөрүп, байыркы аскер салтын ишке жүргүзүүнү талап кылып жатышканын көрүп алдастап кетти. Эми анын кыймыларакетин белгисиз бир күч башкарып калды. Ал атына камчы уруп, Тайлакты көздөй бет алды. Тайлак Баянбатунун найзасы жок экенин көрүп, өзүнүн бөрү тилин артында турган жан жигитине ыргытты да көктөн түшкөн темир таштан атайын жасалган «көк албарс» аттуу кылычын кынынан сууруп алып, карагерди Баянбатуну көздөй жылжытты. Эр сайышт а, эңиште, кылыч менен кырчылдашканда жана чочмор менен чокуга салышканда кандай ык керектигине кунан кезинен машыккан карагер беттешүү жерди көздөй зымыроодо. Эки кол башчы үч жолу кылычтарын кайраштырышты, төртүнчү ирет чабышканда Баянбатунун колунан кылыч ыргып кеткендей болду, бирок эмнегедир кытай тараптан аянычтуу үн чыкты. Дал ошол көз ирмемде Тайлак Баянбатунун башын кыя чапканы даана көрүндү. Анын зор денеси ак боз аттан кулап түштү. «Кара-та-ал! деген кубаттуу үндүн чыгышы менен кырк жигит жана алардын артында турган кошуун көк асаба туунун алдында душманга ат коюшту. Жолдун эки жагындагы урчук ташка бекинген мергендер ок чыгарышты. Кытай аскерлери башаламан кача башташты. Алдыңкы катардагылар эмнегедир тык токтоп калышты. Дал ушу маалда таш менен бөгөлгөн жолдун аркы чек ара жак бетинен «Ка-р-а-таа-ал!» деген ураан менен жүздөн ашык жоокер тополоңду көздөй ат коюп келатат. Салгылашуу бир чай кайнамга да созулган жок. Ошентип, бирөөнүн жерине курал менен келип, жазыксыз катын-баланы, кемпир-чалды койдой мууздаган, үйлөрдү өрттөп, мал-мүлктү талаган Баянбату жана анын эки жүздөн ашык аскерлери, аткошчулары, жол көрсөткүчтөрү кыргын талаасында жансыз жатышты. Жан соогалагандар, качып кутулгандар да болгон жок. Улуу Жибек жолу канга боёлду. Көксөөсү сууган эрлер эми араң эсин жыйышты. Тайлактын кошуунунан эки жигит окко учкан, алты жигит жарадар болушкан. Кытай-кыргыз чегинен анчалык алыс эмес бул жолдо үйрөнүү, машыгуу мезгилинде нечен ирет кайталанып, карылардын купулуна толгон «сыйыртмак» аттуу салгылашуу планы ийгиликтүү аяктады. Бул Тайлактын кытайдын «жазалоочу» чек ара отрядынын үстүнөн болгон биринчи жеңиши эле. Ал Тайлакка «Баатыр» деген наамды алып келди. Кандуу кагылыш бүткөндөн кырк күн өткөндөн кийин бийлердин курултайында болду. Ушундан кийин улуу-кичүү ага «Баатыр» деп, ал эми келин-кесек «Баатыр аке» деше турган болуп калды. Анын даңкы кырк уруу кыргызга гана эмес, Кокон, Хива хандыктарына, Бухар эмирине жана Ооганстанга чейин жетти. Казактын үч жүзү да кабарды кайра-кайра текшерип жатты. Тайлактын душмандары да тынч жаткан жок. Алар кытай чек ара аскеринин зомбулугун көрбөгөн Сары өзөн Чүйдү, керөзөн Талас ты жердеген бейкут турмушуна ыраазы болгондор эле. Алардын ичинде Кашкар акиминин баканооздору да болгон. Алар «ажыдаардын куйругун бастыңар», «аарынын уюгуна тийдиңер» дешип саяк мен ен моңолдордун бийлерине күнөө коё башташты. Кыргыз журту экиге бөлүнүп, душ ман тууган, ата уулуна жана суу жүрөктөргө жиктелип жатты. Муну сезген Тайлак баатыр жигиттерине: «Жылан өлтүргөнгө таш алып бербеген убак келди, биз эми бир кудайга жана өзүбүзгө гана ишенүүбүз керек» деген.
Баянбатунун отрядынын тагдыры кыргыз баканоозу жана кытай тыңчысы аркылуу Кашкарга эки күндө жетти. Кашкар акими иштин жайын «толук» баяндаган рапортту Пекинге шашылыш жөнөттү. Анда ал өзүнүн күнөөсүн жеңилдетиш үчүн жа залоо отрядынын санын үч эсе азайтып, 600–700дүн ордуна эки жүз деп көрс өткөн. Тарыхый документти бурмалабас үчүн биз ошол рапортто көрсөтүлгөн санды жогоруда так көрсөттүк. Чындыгында Жангир менен Тайлакты кармаш үчүн чек араны бузуп, «варварлардын» аймагына терең кирип барып, «куралданган» кожону жана анын колдоочусун кармоо үчүн эки жүз аскер жиберүү бери болгондо «баланын оюну» же өтө эле авантюристтик, өзүнө өзү ишенүүчүлүк болмок. Муну такташ үчүн Кашкар акими менен Асман империясынын башчысынын түпкү максаттарынын бап келишин белгилөө керек. Кашкар акиминин көздөгөн максатын биз жогоруда белгиледик. Ал императордун ой жүгүртүшүн жакшы өздөштүргөн саясатчы экенин рапорт көрсөтүп турат. Чындай келгенде Эки Нарында Асман империясынын чек ара аскеринин (ал 600–700 кишиден турган) көчмөндөрдүн ополчениесинен кыйрашын мойнуна алуу мүмкүн эмес эле. Бул окуянын эл аралык мааниси бар экенин, анын батыштагы «варварлар» үчүн кандай мааниси болорун эки жак даана түшүнгөн. Ошол себептүү бул окуя боюнча жарыяланган указда император эки жүз аскер вариантына кошумчасыз макул болгон. Ал эми Баянбатунун отрядынын кыйрашына Кашкардын акиминин «бейбаштыгы» күнөөлүү деп табылган. Ал эми Баянбату болсо «мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн курман болгон баатыр» деп жарыяланган. Бул Пекиндин кожоюнунун сүйгөн дипломаттык кадамынын бири эле. Императордун указынын негизги статьясы «кырсыктын» себепкери кыргыздар жөнүндө эле. Анда мындай деп жазылган: «Асман империясынын» улуу даражасына залал келтирген кыргыздарды мууздап таштоо керек». Богдыхан Тайлак жана анын жигиттери колу-буту байланып алдында турбагандыгын түшүнгөн. Бирок бүткүл батыш жакта жарыялана турган указда катуу жаза жөнүндө сөз болушу керек эле. Ал опузалоонун бир түрү болгон. Ошол эле указдын жашыруун бөлүгүндө: указдын ушул статьясын ишке жүзөлөөгө шашпоо жөнүндө жана Жангирди жана Тайлакты кармоону, кыргыздарды жазалоону варварлардын өзүнө коюу жөнүндө ачык көрсөтмө берилген. Мунун өзү императордун батышка жүрүш жасоого каражаты жоктугунан келип чыккан сыяктуу. Кайрадан кыргыздардын «ич тарлыгын», бийлердин өз ара пикир келишпөөчүлүктөрүн пайдалануу биринчи орунга коюлган. Бул уруучулук, бул феодалдык бытырандылык барабара элдин, улуттун кемчилигине айланат. Аны кыргыз жерин басып кирген бардык баскынчылар өзүлөрүнүн ички жана тышкы саясатынын чордону кылып алат. Бирин мактап, жактап, экинчисин ургу-бергиге алып же болбосо такыр эле көзүн тазалап туруу – ошо илгертеден келген салт болуп калат. Жаман адат бат тарары илгертеден белгилүү.
Императордун жана Кашкар акиминин Борбордук Тян ь-Шандагы «өз адамдары», Жангирди жана Тайлакты колдо богон бийлердин ичине: Напас, Төрөш, Ильяс-Менди ж. б. бийлер жана старчындар кирген. Бул тыянак Тайлактын Кашкардагы адамдары алардын тез-тез келип турушунан жыйынтык чыгарышынан жана айрым уруу жетекчилеринин башка жакка көчүп кетишинен келип чыгат. Анын үстүнө бул ысымдар кытай архивдеринде сакталып калган.
Бул жыйынтыкты далилдей турган экинчи факты бар. Ал Тайлактын каарынан корккон Ильяс-Менде Долон ашып, Түндүк жакка көчүп кеткен. Ооба, ал жакта Тайлакты жек көргөн дөр көбүрөөк эле.
Императордун атайын буйругу боюнча Жангирди жана Тайлакты кармап берген же болбосо өлтүргөн адамга чоң сыйлык жарыяланат. Мына ошентип, Тайлак баатыр Кытай импера торунун Чыгыштагы экинчи душманы болуп калды. Кичине элдин баатыр уулунун жеңиши Асман империясынын чекесине чыккан чыйкан болду да калды. Аны жок кылыш үчүн каражаттын таасирин, дипломаттык жана тыңчылыктын бардык мүмкүнчүлүгүн колдонгон. Анткени батыш «варварларга», ошондой эле коңшу мамлекеттерге бул окуя тескери таасир тийгизет деген кооптонуу өзүнөн өзү туулган. Ас ман империясынын аброюнун анын душмандарынын жана досторунун алдында төмөндөшүнө себеп боло турган факторду жоюу арзанга турбастыгын Богдыхан жакшы түшүнгөн. Ошо себептүү анын Кашкардагы акими өзүнүн дипломатиялык активдүүлүгүн өтө күчөтөт.
Жангирди жана Тайлакты кармап берүүсүн өтүнүп, ал императордун атынан Ко кон ханына, кыргыз жана казак бийлерине жана старчындарына кайрылган. Бул анын Асман империясынын аброюн жогору көтөрүүгө жасаган аракети эле. Бул «чукул чаралар» өзүнүн жемишин бербегени императордун каарын келтирген. Мунун өзү Кашкар акимин алмаштырууга түрттү. Ошону менен катар чек араны бекемдөө максатында Кашкар линиясындагы чек ара аскерлеринин санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабылдоого аргасыз болду. Кашкардын жаңы акими Юн Циндин алдына Жангирди, Тайлакты жана аларга жардам берген Байбакасты кармоо жана жок кылуу милдети коюлду. Юн Цин аны ишке ашыруу үчүн колунан келген жана келбеген аракеттерди жасады. Кытай чек ара отряддарынын эрте күздөгү «налог жый ноо», «тартипке чакыруу» жана «душманды куугунтуктоо» ж. б. аттуу операцияларынын саны артты. Ачык талоо күчөдү. Бул «кичине согуш» эле. Тайлактын жигиттери окутулган, жакшы куралданган аскердин регулярдык отряды менен бир нече жыл теңдеши жок согуш жүргүзүштү. Анын негизги жыйынтыгы «жазалоо» методу көзгө урунарлык жыйынтык берген жок. Уруштун партизандык жолун тандап алган Тайлак «жазалоо» отрядынын артынан калбай «канга кан» менен жооп кайтарып турган. Бирок ичтен чыккан душмандын саны бара-бара артып, Тайлак менен Атантайды жактоочулардын саны барган сайын азайган.
Кытай булактарынын кабарына караганда саяктардын өкүлү Напастын жана Чоңбагыш уруусунун старчыны Жанболоттун жардамы менен басыз уруусунун бийи Чабылды жана анын уулу жана жээни кармалган, даргага асылган. Мындай чыккынчылык бара-бара өскөн. Тайлак менен Атантайды жактоочулардын саны азая баштаган. Бул күрөштүн тактикасын өзгөрткөн. Жангир, Тайлак жана Атантай өзүлөрүнүн жактоочулары менен жаратылыш жа саган чепке Тогуз-Торого көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Пекиндин «качкындарды» кармап берүү жөнүндөгү указы кагазда кала берген. Ал эми буйрукту аткаруу жүктөлгөн Кашкар акими Цин Сян өзүнүн императорго жазган рапортунда: «…алар али кармала элек, анткени кыргыз бийлери эч аракетсиз отурушат» – деп жазган. Баянбатунун «сабагынан» кийин Торугартты каалаган учурда ашып, ээн-эркин жүрө албай калган Цин Сяндын мындай актануусуна император аргасыздан макул болгон. Анткени ал коңшу Кокон хандыгынын Чыгышка карай жылуусун, өзгөчө кыргыз менен казактарга каршы агрессивдүү саясатын өтө дыкаттык менен байкап турган. Ошол себептүү Осмон империясынын башчысы коңшу кыргыздар менен тынчтык мамилесин түзүү үчүн кадам шилтөөгө мажбур болгон. Император Орто Азия жана казак элдеринин биригип кетишинен да чочулаган. Ошол себептүү «бөлүп коюп бийлей бер» саясатын жүргүзүүгө өткөн. Анын өзү 1826-жылы жазында Пекин кыргыздарды бейтараптыкка, тынчтыкка чакырган кайрылуу жибергенинен көрүн үп турат. Бул Кокон хандыгында жана ага жакын район дордо жүрүп жаткан окуяларга байланыштуу эле. Аны жайкы окуялар бекемдеди.
Жангир менен Тайлак да тынч жаткан жок. Өзгөчө кожонун жактоочулары Чыгыш Түркстанда циндик үстөмдүккө каршы агитацияны күчөткөн. Жангир кожонун чек ара бузуп кириши көтөрүлүштүн башталышына берилген белги эле. Мындай белги 1826-жыл ы жайында берилгени белгилүү. Жангир кожонун кошууну Курткадан чыгып, тез эле кытайдын Ысык жана Тешикташ бекеттерин бузуп кирип, Кашкарды көздөй чабуул койгон. Кошуун негизинен өзүбектерден жана кыргыздардан турган. Муну күтүп турушкан жергиликтүү калк циндик бийликтерге каршы жалпы көтөрүлүшкө чыгышкан. Кашкардын акими Пекинге «Жангир Тайлактын, Атантайдын жана Байбакастын колдоосу астында көтөрүлүш чыгарды», – деп билдирген. Биринчи салгылашуу Кашкардан анчалык алыс эмес Аппаккожо деген жерде болгон. Анда кытайдын чек ара отряды кыйраган. Андан кийин көтөрүлүшчүлөр Син Цяндагы шаарларды жана кыштактарды биринин артынан бирин бошотууга өтүшкөн. Жангир кыргыз отряддарын Үчтурпанды алууга буйрук берген. Бирок аякта окуя башка мүнөздө жүрдү. Кыргыздар ар кай жерде бытыранды жашаган. Алар көчмөн калк болгондуктан уюштуруу ишинде көп кемчиликтери болгон, ошол себептүү көтөрүлүш бир мезгилде эмес, чачкын түрдө башталган. Көтөрүлүшчүлөрдүн кичине отряддары бир күчкө бириге алышкан эмес. Бул өкмөттүк аскерлерге аларды биринин артынан бирин талкалоого мүмкүндүк берген. Анын үстүнө императордун кыргыздарга карата чыгарылган атайын манифести өзүнүн ролун ойногон. Атайын манифестте кытай импе ра тору Хун Ли: «Баянбату Тайлак бийдин үй-бүлөсүн мууздап акылсыздык кылган, ошол себептүү улуу император Тайлактын күнөөсүн кечирет»,– деп айтылган. Манифестти кыргыздардын арасында кеңири түшүндүрүү үчүн «жөндөмдүү чиновниктер» жөнөтүлгөн. Бул манифесттин негизги максаты – кырг ыздарды уйгурлардан бөлүү эле. Жардамчы максаты кыргыздарды уруулук жиктөө боюнча бөлүү, кур дегенде алардын бейтараптыгына жетишүү болгон. Бул дипломаттык кадам өзүнүн максатына жарым-жартылай жеткен. Кыргыздардын арасында көтөрүлүшкө ишенбегендердин саны өскөн. Бул кризистик учурда өзүнүн бейтарапташтыруу ролун аткарган. Манифестте кыргыздарга Жангирди кармап берүүгө карата болг он чакырык да бар эле. Аны үчүн өтө бай сыйлык бериле тургандыгы көрсөтүлгөн. Кылычын сууруп кыштын келиши өкмөткө чоң жардам эле. Кытайда жашаган кыргыздар өздөрүнүн кыштоолоруна бириндеп көчүп кете башташкан. Бул бир нече атчан жоокерлердин көтөрүлүштөн кетиши дегендикке жаткан. Андан сырткары Кашкар акими өзүнүн куралдуу күчтөрүн толуктап, куралдандырып алууга үлгүргөн.
Пекинден 1827-жылы 4-январда Кашкар акими Чин Линге жаңы буйрук жана инструкция келет. Анда Чин Линге кытайда жашаган кыргыздарга Жангирдин кытайдан чыгып кете турган жолдорун кесип таштоону жана аны кармоону сунуш кылуу кеңеши берилген. Кожону кармаганы үчүн эң ардактуу титул жана 100 миң лян күмүш берилээри жарыяланган. Бул буйруктун таттуу бөлүгү эле, ал эми анын экинчи ачуу бөлүгүндө кимде-ким аны колдосо, анын башы алынары айтылган. «Ким кимди жеңет» али тактала электе бул документ тин стратегиялык мааниси бар эле. Бирок эки тарап тең эрөө лөшүп турган учурда ал өзүнүн тескери ролун ойногон. Кашкар акими жана аскер башчылары черик уруусу көтөрүлүшкө жана чек ара бузуп кирген кошуундун ичинде жоктугуна таянышып императорду: «Чериктер бизге жардам берет» – деп ишендиришкен. Чынында иштин жайы караманча башкада эле. Чериктер кытай-кыргыз чегинде жашашкан. Эгерде көтөрүлүш ийгиликсиз аяктап калса, «жазалоо» отрядынын бүткүл күчү аларга каршы багытталмак. Ошо себептүү алардын өкүлдөрү макулдашылгандык боюнча көтөрүлүштүн биринчи этабына катышышкан эмес. Алар Тайлактын отрядынын келишин күтүп турушканын айтуу керек.
1827-жылы март айында циндик кытайдын жазалоо аскерлери көтөрүлүш чыгарган райондорго каршы чаб уул коюуга өткөн. Дал ошол учурда Тайлак, Атантай башчылык кылган кошуун Барчын деген кароолду бузуп өтүп, чабуулду Кашкар тарапка уланткан. Тайлак чогулгандарга кайрылып, кыргыздын бардык урууларын циндик кытайга каршы чыгууга чакырган. Синцянда жашаган кыргыздарга ишенимдүү кишилер жашыруун жөнөтүлгөн. Циндик постторго кол салып, солдаттарды өлтүрө башташкан. Бирок абал улам барган сайын оорлой берген. Батыштагы ири ээлигинен ажыроо коркунучун сезген император Кашкардагы аскерлердин санын көбөйтүүгө жана жакшылап куралдандырууга үлгүргөн эле. Жакшы куралданган жана үйрөтүлгөн регулярдык аскер, акырындык менен начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдүн ополчениелерин бир баштан талкалай баштаган. Көтөр үлүшчүлөр укмуштуудай эрдик менен салгылашып жатышты. Бирок күч тең эмес эле. Бул кандуу кармашта көтөрүлүшчүлөр оор жоготууга дуушар болуп, мурунку ээлеген кыштактарын, шаарларын биринин артынан бирин таштап кетүүгө аргасыз болушту. Алардын ичинде Кашкар, Жаңы Гиссар, Хотон, Яркенд ж.б. бар эле. Чегингендердин арасында Тайлак менен Атантайдын отряддары да болгон. Тайлактын буйругу боюнча көтө рүлүшкө катышкан кыргыздар отряд менен кошо үй-бүлөсү, оокат-тиричилиги менен чегинип отурушту. Анткени жазалоочу аскерлер айылдарды талоонун эң жырткычтык жана канкордук жолун тандап алышкан. Акыркы салгылашуу чек арага да жетип келди. Тайлак баатыр кырк жигити жана мергендер менен жоону тосуп калды, калгандарынын баарын ашууну ашып кетүүгө буйруду. Тайлак жигиттери менен жарым күн күтүп, жазалоочулар көрүнбөгөнүнөн жана тиги тараптан келген тыңчы-кабарчы жигиттин кытай аскерлери биринчи бекет-тосмонун ары жагынан токтошту деген кабарынан кийин кошуундун артынан жол тартты.
Тыңчы жигиттин кабары туура болуп чыкты. Кытай генералдары кыргыздарга туура мамиле жасоо жана Тайлакты актагандыгы жөнүндөгү Богдыхандын буйругун жана атайын инструкциясын бузгулары келген эмес. Анын үстүнө өз жеринде «тоо арстаны» өтө билгичтик менен согушат деген акимдин айтканын жана Баянбатунун отрядынын сабагын эске алышып, качкандарды чектин ары жагына дейре кубалоо натыйжасыз деп чечишкен. Чындыгында, Тайлак менен Атантайдын Синцянды таштап кетишине алар аябай кубанышкан. Алар көтөр үлүшчүлөрдүн айылдарын талап-тоноп алы шып, Кашкарга кайрылып кетишкен. Көп узабай эле Жангир кожо кармалып дарга асылган. Ошентип, жергиликтүү калктын Жангир кожо жана Тайлак, Атантай башчылык кылган көтөрүлүшү жеңилүү менен аяктаган.
Эмки сөз Жангирди кармоого кыргыздар катышканбы же катышкан эмеспи, мына ушул жөнүндө. Биз жогоруда кытай императору кыргыздарга кожону кармоого чакырганы тууралуу айттык. Бирок кыргыз бийлери ал чакырыкка кулак салышкан эмес. Алар көтөрүлүш басылгандан кийин Жангир кожонун кайда бекинип жүргөнүн жакшы билишкен. Бирок билмексен болушкан. Муну Кашкар акими да, император да жакшы түшүнүшкөн. Алар кыргыздарды бейтарап абалында кармап турууга аракеттенишкен. Ошо себептүү кыргыз айыл дары көтөрүлүш басылгандан кийин да талоонго түшкөн эмес. Мында да Тайлактын жана аны колдогон кыргыз бийлеринин ачуусуна тийбөө жөнүндөгү алдын ала эскертүү өзүнүн оң ролун ойногон. Кытай документтеринин ара сында кожону кармаганга жардам берген адамдарды сыйлоо жөнүндөгү буйрукта кыр гыз бийлеринин ысмы жок. Бул биздин атабабаларыбыздын ыйманы, дили ак экендигине күбө. Алар көтөрүлүшкө активдүү катышышкан, бирок ал жеңиле баштаганда өз дөрүнүн кандаштарын, диндештерин, дилдештерин саткан эмес. Жеңилүүнүн ачуу тузун башкалар менен кошо татышууга даяр турушкан. Пекиндин каары бул жолу аларды аттап өткөн. Бирок император Кашкар акиминин көтөрүлүшүнө катышпаган кыргыз бийлерин сыйлоо жана аларга айлык акы төлөө жөнүндөгү сунушуна каршы болгон. Бул анын кыргыздар менен коңшулаштык мамиле убактылуу экенин жана кыргыздарды ал потенциалдуу душман катары көргөндүгүнө далил. Император өзүнүн акимине берг ен жообунда кыргыздар чекти бекемдөө үчүн керектигин, ошону менен катар алар менен тынч жашоого жана алардын би ри-бири менен, ошондой эле коңшу варварлар менен болгон кагылышууларына кийлигишүүсүн баса көрсөткөн. Бул император тарабынан атайын иштелип чыккан туруктуу саясат дегенге болбойт. Анткени ал «Кашкарды тынчытканга чейинки» жана Синцянда жайлашкан аскерлердин тобун Илидеги жаңыдан түзүлүп жаткан аскер курамасы менен алмаштырганга чейин гана керек эле.
Тынчтыктын убактылуу экенин Тайлак да баамдаган. Эми эки тарап тең чечүүчү кагылышка даярдана башташкан. Кытай императору «чек ара аскерин которуштуруу» деп аталган планды ишке ашырууга тымызын даярдык көрүүгө өткөн. Ал бир топ убакытты талап кылган. Аны ачык чоң масштабда жүргүзүүгө мүмкүн болгон эмес. Биринчиден, коңшу Кокон хандыгы жана казактардын, орус падышачылыгынын карамагына өткөн улуу жүзүнүн жетекчилери чек ара аскеринин жаңы көп аскерлер менен толукташына жол бербөөгө аракет кылышмак, экинчиден, орус падышачылыгы да кытай аскерлеринин чек арада жайланышын, анын сандык жана салттык жактарын иликтеп турган. Асман империясынын батышка карай болгон умтулуусуна ачык эле каршылык жасамак. Бул кыр даалда операция өтө кылдаттык менен даярдалышы жана өткөрүлүшү керек эле. Муну эрте туя турган тарап кыргыздар болгон. Анткени аскерлердин жаңы тобу Илиден чыгып, Ысык-Көлдүн түштүк батышы аркылуу Борбордук Тянь-Шанга өтүп, Торугарт аркылуу Кашкарга кетиши керек. Бул кыргыздардын территориясы аркылуу өтмөк. Мурунтадан бул жолду эч ким тоскон эмес. Азыр бул жолду Тайлактын отряды көзөмөлгө алган. Или отряды Текеске карай бет алары менен Тайлактын кишилери ага кабар кылышкан. Тайлак Долондун түштүк бетинен тартып, Кызылбелге чейинки аралыкта көзөмөлдөө отряддарын коюп, кыргыз бийлеринин көпчүлүг үнүн жактыруусу мен ен ополчениенин санын көбөйтө берген. Анын негизги максаты – Или отрядын кыргыз дардын территориясы аркылуу өткөрбөө, эгер отряд чекти бузуп өтүүгө бел байласа, анда аны Кашкар отряды менен бириктирбей кыргыз жеринде талкалоо болгон. Ошентип, Богдыханга чек бузуу эмне экенин жана бул жол ал үчүн биротоло жабылганын далилдөө керек болгон. Бул миссияны Тайлак өзүнө алган.
Ушул абалда императордун тыңчылары «Тайлак куралданып жатат. Ал Кашкарга жүрүшкө даярданууда» деген кабарларды ала баштайт. Императордун Тайлактын аракеттери жөнүндөгү суроосуна Кашкардын акими жана чек ара сакчыларынын командирлери: «Тайлактын негизги максаты – Нарын аркылуу кытай аскеринин өтүшүн токтотуу, эгерде аны ишке башкарууга бел байланса, аны Кашкарга жеткирбей талкалоо болуп саналат» – деп өтө туура баамдашкан. «Чек араны текшерүү» отряддарынын рейддери арбып, алар барган сайын жергиликтүү элдин сезин алуу максатында кыргыз айылдарына жакын жерлерде машыгуу өткөрүп, чатакка умтулгандарын жашырбай турган болушту. Ушул шартта Тайлак бул «тентектикти» биротоло жоюуну, кыргыз жерин анын башкаруучуларынын уруксатысыз баспоого циндиктерди үйрөтүүнү чечкен. Эми «чек араны текшерүү» отряддарынын артынан куралданган кыргыз атчандары ок жетпеген аралыкта ээрчип алуу адаты келип чыккан. Алар бирде көбөйүп, бирде азайып турган. Бул «көлөкө» чек бузулары менен пайда болуп, отряд бекетине кайтары менен жок болгон. Бирок «чек текшерүү» отряды аларды чырга тартууга жа саган аракети эч жыйынтык берген эмес, андай учурларда алар тез эки топко бөлүнүп, анан тарап кетишкен сыяктуу болуп көрүнгөн. Чындыгында, бир нече убактан кийин кайра кошулушуп, ээрчүүнү улантышкан. Өз жерин коён жатагына чейин билгендиктен, алардын кайда кеткенин, кайра кантип биригишкенин билүү кыйын эле. Бул тыңчы тобу бол гон. Анын негизги максаты «чек текшерүү» отрядынын кайда барарын, санын жана куралын так билүү, ошондой эле анын ар бир кадамы жөнүндө Тайлакка кабар берип туруу болгон. Муну акыры кытайдын генералдары туюшкан, ал эми «чек текшерүү от рядынын» командирлери да ага көнө башташкан, бекеринен аны алар «көлөкө» деп аташкан эмес. Бирок тыңчы тобу пайда болгондон тартып кытай тарабынан айылдарды талоо токтотулган. Бара-бара Кашкардын акими ала-тоолук кыргыздар тарабынан кошумча кабарларды ала албай калган. Бул ага кыргыздардын ички ыйкы-тыйкылары токтогону жана Тайлактын чек араны таанытуу жөнүндөгү сунушун кабыл алышкандыгы жөнүндөгү жыйынтыкка келишке жардам берген. Циндик Пекин «Кашкар тынчыды» деген жыйынтыкка келип, Или отрядын кыргыздар аркылуу Кашкарга жиберүүнү чечип, анын Кашкарга келиши менен Тайлак менен Атантайды жер менен жексен кылууга токтогон. Или отрядынын командири да артынан байкоо тобу түшкөнүн сезген. Ошол учурда Нарын суусунун эки жээгинде тең кыргыздардын куралданган ополчениесинин саны арта баштаганы жөнүндөгү кабарлар түшө баштаган. Император абалды толук баяндоону талап кылып, Кашкар акимине кайрылган. Ал: «Тайлак Или отряд ын кыргыз жери аркылуу өткөзбөөнү жана аны талкалоону чечти. Ал «кароол алмаштыруу» планынын түпкү максатын эбак түшүнгөн жана ага жол бербейт. Абалды оорлотпос үчүн Или отрядын кайрылып кетүүсүн өтүнгөн». Бул жолу да император акимдин сунушун кабыл алып, Или отрядын орто жолдон кайра кайрууга буйрук берүүгө аргасыз болгон. Мунун өзү чекти таануу менен барабар эле. Асман империясынын Теңир тоонун батыш тарабын өз жери катары эсепт еген куру кыялы таш каап, андан өтүш үчүн анын анык ээлеринен уруксат керектигин эми түшүнгөндөй болду. Кризис курчуп, эл аралык чыр чыга турган болгондо кыргыз бийлеринин бир жакадан баш чыгарып калышы Богдыхандын артка чегинишине себеп болду. Акыл ачууну жеңип «кичине согуш» болбой калды. Бул жерде тактай турган эки жагдай бар. Биринчиси, Тайлактын согуштук даярдануулары жөнүндөгү тыңчылардын апырткан кабарлары, экинчиден, Кытай императорунун Кашкардын акиминин жана ал жердеги чек ара отрядынын командирлеринин анын батыш саясатын ишке ашырууга жарамдуулугуна шек санай баштаганы. Аларды алмаштыруу планы улам барган сайын реалд уу боло баштаганында. Бирок «калмак мурасы» өзүнүн күчүн жоготконун, Теңир тоонун ары жагы эмес, «Жаңы жердин» өзүн сактап калуу асыресе кыйындыкка турганын Пекин эми гана түшүнгөндөй. Буга Кокон хандыгынын, өзгөчө Орус падышачылыгынын тышкы саясаттары да орчундуу таасир эткендигинде турат. Чек аралык согуштун болбой калышынын түпкү себептери ушундай.
* * *
Тайлак баатырдын кожолордун көтөрүлүшүнө катышканы эл оозеки тарыхында жана кытай жылнаамасында, тышкы иштер боюнча кеңсенин делолорунда сакталып калган айкаш келген тарыхый булак. Ошол экөө биригип, өткөн кылымда жашаган, оор тагдырды башынан өткөргөн элибиздин унутулгус эр жүрөк, баатыр уулу Тайлакты жана агасы Атантайды таланттуу кол башчысы, өз доорунун мыкты дипломаты катар ы сөз кылууга көмөктөш болуп отурат. Кагаз бетине жазылып калбагандыктан канча Тайлактар тарыхтан орун албай дарексиз… Бул жагдай элибиздин басып өткөн баатырдык жолун жардылатып, каарманды жок кылып жиберүүгө түрткөн. Тарыхтын кээ бир беттери ак бойдон кала берген. Тарыхтын ошол «ак тактарынын» бири жөнүндө төмөндө сөз жүрөт. Кеп Жусуп кожонун жүрүшү тууралуу бара жатат. Кожолордун кыймылы Жангирдин өлүмү менен бүткөн эмес. Жангир дин бир тууган иниси Жусуп кожо өч алуу максатында жана ата-бабалардын мурасын кайрууга аракет жасаган. Ал 1831–1832-жылдары Кокон хандыгынын аймагын кыдырып, Кашкарга жүрүш жасоо үчүн кол жыйнай баштайт. Ал идея Кокон бийликтери тарабынан да колдоого ээ болгондугу шексиз. Бирок алар убададан алыс кадам шилтебегендиктери да белгилүү. Жусуп кожон ун «авантюрасына» Тайлак менен Атантай да кошулушкан. Тайлак Или отряды келбей калгандан кийин кытайдын чек ара отряды мурункудай аз санда, аны бириккен күч менен жеңүүгө болот деп эсептеши чоң ката жана жаңылыштык эле. Чынында кытай императору жаңы аскерлер тобун «калмак дарба засы» аркылуу эмес, түндүк батыш райондор аркылуу алып келген. Эки жылдын ичинде Кашкар чеби жашыруун түрдө аябай бекемделген. Чеп өзгөчө замбирек менен күчөтүлгөн. Муну Тайлактын Синцяндагы тыңчылары байкабай калган. Тайлак жыйган кошуун кожонун тилегин аткарууга Чыгыш Түркстандын каалаган чебин алууга мүмкүн экендигине ишенген. Анткени ал кечээ жакында эле анын басымдуу көпчүлүгүн өз көзү менен көргөн, алууга катышкан. Бирок Кашкарды жана башка шаарлар анча көп эмес мөөнөттүн ичинде бекем чепке айланганын ал кийин түшүндү.
Тайлак агасы Атантай менен саяк, басыз, кыпчак, чоң багыш урууларынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ополчение жана кырк жигити менен 1830-жылы Жусуп кожонун кошууну менен чек араны бузуп кирип, Кашкарды курчоого алат. Сепилден тынымсыз ок жаап, замбиректер өжөрлөнүп өлүм отун чачат. Замбиректин огунун чачырандылары атчандарды чоң жоготууга учуратат. Ондогон чабуул коюуда муну өз көзү менен көргөн Тайлак агасы Атантай менен кеңешип, ошондой эле жергиликтүү элдин көтөрүлүшү болбой турганын сезип, айылга кетүүнү чечкен. Чынын айтканда, Жусуп кожонун уйгурлардын жана башка элдердин циндик кытайга каршы бир адамдай каршы көтөрүлүшкө чыгуусу жөнүндөгү айтууларын эч ким, окуянын жүрүшү да далилдеген жок. Жергиликтүү эл кошуунду колдогон жок. Алар салгылашуунун көрүп туруучулары болду. Бул Жусуп кожонун жана анын жакын жан-жөкөрлөрүнүн көтөрүлүштү өтө начар уюштурушканына күбө. Натыйжада, сырттан кол салуу канчалык эффективдүү болгонуна карабастан «авантюра» болуп калды. Муну даана сезген Тайлак жана Атант ай өз жигиттери менен Кашкардан Торугартты бет алып, өз айылдарына кете беришти. Жусуп кожонун көтөрүлүшү жеңилүү менен бүттү. Бирок Тайлак кытай императору үчүн мурункудай эле элдешпес душман болуп кала берди. Жусуп кожонун кыймылы Синцяндын жергиликтүү элинин колдоосуна ээ болбогону анын жетекчисинин алар менен байланышы болбогону менен гана түшүндүрүү бир жактуулук болор эле. Анын негизги себеби, кожонун так, ачык социалдык-экономикалык программасы болгон эмес. Анын клерикалдык, династиялык максаттары жана аз сандуу кошууну кимди болсо да ойлондурбай койгон эмес. Бул жагдай Жусуп кожонун чыгуусуна боштондук кыймылы катары баа берүүгө каршы факторлордун бири. Чыгыш Түркстан маселесин атчандард ын чабуулу менен чечүүгө мүмкүн болбой калганына ал ачык күбө боло алат, маселени чечүүгө Кокон хандыгынын жана Тайлактын кырк жигитинин кудурети жеткен эмес. Ал эми падышалык Россия болсо кытайдын алсыздыгынан, чечкиндүү эместигинен жана Орто Азия элдеринин өз ара келишпөөчүлүктөрүнөн пайдаланып, аны «кансыз» согуш аркылуу жеңип аларына көзү жеткен. Ошондуктан, бул кагылыштарга бейкут байкоочу катары мамиле жасаган.
Бирок кожолордун көтөрүлүшү жана ага Тайлак баатыр менен Атантайдын активдүү катышуусу тарыхый маа ниге ээ. Аны кыргыздардын циндик кытайга каршы улуттук көз карандысыздык үчүн болгон күрөш катары кароо го болот. Анткени кожолор дун көтөрүлүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү кыргыздар болгон. Кожолордун кый мылы жеңилгенине карабастан ага катышкан элдерге белгилүү утуштарды берген. Анын биринчиси, кытай императору өзүнүн «калмак мурасы» аталган кыргыз жерин өзүнүн аймагы катары караган позициясынан убактылуу чегинүүгө, кыргыз-кытайдын тарыхый, жаратылыш чегин таанууга аргасыз болгон. Ал чек тоо кыркасы ар кылуу өткөн. Экинчиси, 1832-жылдан тартып кыргыздар Кашкар менен пошлинасыз соода жасоого мүмкүнчүлүк алышты. Үчүнчүдөн, кытайдын чек ара отряддарынын кыргыз жерине ар кандай шылтоолор менен талап-тоноо жүр гүзүүлөрү токтоду.
Окуянын жогоруда баяндалгандай багытта жүрүшүнүн жана ошол жыйынтыкка алып келишине себепкер болгон Тайлак баатырдын батыш жактагы согуштук жолу ушуну менен аяктайт. Ал катардагы жигиттерден көзгө атар мергендиги, айры төштүн алдына жатпаган балбандыгы, беттешкенин соо койбогон мыкты найзакерлиги, бо лот кылычтын эң шамдагай жана күчтүү ээси катары айырмаланган. Ошол өзүнүн жеке жөндөмдүүлүгү менен он башчылыкка, старчындыкка жана элүү башчылыкка жеткен. Кийин кырк жигиттин, кошуундун жол башчылыгына карыялардын кеңеши, бийлердин бүтүмү боюнча коюлган. Ал өмүрүнүн акырына чейин кыргыз жерин коргоонун камылгасында болгон. Анын циндик кытайдын чек ара аскерлери менен жүргүзгөн теңдешсиз баатырдык күрөшү адамды таң калтырат.
Кыргыздардын этнос катары миңдеген жылдары сакталып калышына Тайлак сыяктуу эр уулдары себеп болгонуна шек кылууга болбойт. Анткени тоодой тору аргымактын жана кержоргонун изи Чыгыш Түркстандын талааларында жатса, анын баа тырдык аракеттери эл эсинде, кытай жазмаларында жашоод о. Ал кыргыздарды биримдикке чакырган, бирок бардык учурда эле колдоого ээ болгон эмес. Кара түн эл башына түшүп, жоо каптап келгенде бийлер аны кол башчылыкка шайлашып, колуна көк асабаны карматып, жалпы кыргыз ураанын «Каратаал» деп чакырууга макул болушкан. Жоо жеңилип бейкуттук келгенде «эски оору кайра башталган». Өлүмдү жек көргөн, коркууну такыр сезбеген Тайлак баатыр жатындашы Атантай менен күрөштү жалгыз жүргүзө берген. Чегингенди билген, жеңилгенди билбеген тоо илбирсинин өмүрүнүн бир үзүмү ушундай.
Сабыр АТТОКУРОВ
БИШКЕК БААТЫР
Мамлекеттик курулушта анын ордосу негизги орунду ээлейт. Кыргызстандын ордосу жайгашкан жерди мындан 200 жыл илгери кыргыз жоокер жигиттеринин жетекчиси Бишкек баатыр негиздеген. 1800-жылдардын башында Бишкек баа тыр жигиттери жана эли менен Аларча капчыгайына көчүп келип, Аламүдүн жана Аларча дарыяларынын куймасындагы Жибек жолу өткөн түз талаага коргонуу чебин курат. Анын айланасында кербен сарай, кол өнөрчүлөрдүн устаканалары, соодагердик дүкөн пайда болуп, базар ачылып, соода-сатык иштери өнүккөн.
Бишкек баатырдын адам катары ким экендиги анын мамлекеттик ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу. Анын өмүр жолу XI кылымда кыргыз уруулары оңго жана солго бөлүнүп турганда, оң канатка кошулган Тагай бийден башталат. Тагайдын уулу Солто Чүй өрөө нүндөгү элдин бийи атыгып, коңшу жашаган калмактар жана кокондуктар менен карым-катышта болгон жана алар менен тынчтыкта жашаган.
Солто бийден үч урук тараган: Күнтуу, Култуу, Чаа. Солтонун үчүнчү уулуна VII кылымдагы Алтайдагы кыргыздан чыккан жоокер Чаанын аты (титулу) ыйгарылган. Чаа күч-кубаттуу чыгып, бүткүл Солто уруусун бийлеген. Ал казак жерине кол салып, согуштан олжого алынып келинген казактын сулуу кызына үйлөнүп, андан төрөлгөн баласынын атын Жоочалыш атаган. Жоочалыш жашаган жер азыркы Сокулук районундагы Жоочалыш айылы. Жоочалыштын балдары Бөлөкбай, Талкан, Кенен, Белек. Кенендин кичүү аялынан Бишкек төрөлгөн.
Кенендин уулу эмне үчүн Бишкек аталып калгандыгынын өзүнчө себеби бар. Энеси бишкек менен кымызды бышып жатканда толгоосу күчөп, ал сабааны кучактап отуруп көз жарган. Кенен жылкысынан келип, уулунун атын анын төрөлгөнүнө себепкер болгон бишкекке уйкаштырып Бишкек деп койгон. Бишкек Сокулуктагы Жыламыш өрөөнүнүн башында, Түз деген жайлоонун Май чокусунда чоңоюп, күч-кубаттуу, сөзмөр жигит болуп, чоң атасы Чаа баа тырдын жолун жолдогон азамат катары элге тааныла баштайт. Өзүнүн жоокер жигиттери менен калмак баскынчыларына каршы күрөшкө катышкан. Калмактардын колунан курман болгон Курманбектин уулу Сейитбек менен биригип, жигиттерин баштап Жунгар мамлекетинин калмактарына каршы далай жолу согушкан. Калмактардын ордосуна чабуул койгондо дайыма аскердин алдында болуп, душмандын туусун кулатып, анын ордуна кыргыздын Асаба туусун орноткон учурлары далай кайталанып, Бишкек туу жыгар аталган. Бишкек жекеме-жеке чыкканда же душманга чабуул жасаганда найзаны жалгыз колу менен сайчу экен.
Калмактардын Жунгар аталган мамлекети Кытай империя сы менен жер талашып, жүз жылдай тирешип келген. Акырында 1758-жылы кытайдын генералы Чжао Хаяк жетектеген үч булактан турган миңдеген аскери калмактарды аёосуз кырган, бир миллиондой калмак өлүп, калган 20 пайыздай калмак Россияга качып, Волга боюндагы Астрахань талаасына жайгашкан. Азыр бул жерде Калмак автономиялык республикасы бар. Калмактардан качкан кыргыздардын саяк, сарбагыш, солто, саруу уруулары өз мекендерине – Чүйгө, Таласка, Ысык-Көлгө кайра көчүп келишкен. Калмактардын көз карандылыгынан кутулган соң кыргыз жана казак элдери өз жерине ээ болуп, өзүнчө бийлей баштаган. 1772-жылы Чыңгыз хандын урпактарынан казакташып кеткен Абылай бүткүл казакка хан болуп шайлангандан кийин 1775–1776-жылдары 10 миңдей аскери менен келип кыргыздын солто элине кол салат. Ал Чүй жана Талас өрөөндөрүн басып алып, Таласты өзүнүн борбору кылган. Кыргыздардын байлыгын талап, өздөрүн тоной баштаган. Солтолор жан аябай казактар менен согушкан. Бул кагылышууда Жайыл баатыр, уулдары Үсөн жана Теке мен ен туткунга түшүп өлтүрүлгөн. Алар ээлеген жер азыр Жайыл району деп аталат.
Абылай хандын аскерлери менен кармашууда Чаа баатырдын урпактарынан Бөлөкбай, Талкан жана Бишкек баатыр жигиттери менен чабуулга кирерде баштарын кызыл менен таңдырат, «Канга кан. Баш канжыгада» деген ураан менен согуш баштап, душманды жеңүүгө жетишкен. Бул согуш тынч тык келишимин түзүү менен аяктаган.
Бишкек баатыр жоокерликтен башка да соода-сатык иштери менен да алектенген. Бир нече жолу жылкысын айдап, соодагерлер менен Россияда болуп, Оренбург шаарында орустардан темирди эритүүнү, согууну жана жыгач устачылыкты өздөштүргөн. Элине келгенде өздөшт үргөн кесиптерин колдонуп, чарбасын өнүктүрүүгө аракеттенет. Бирок өзүнчө чарбасын өстүрө алган эмес. Анткени феодалдык-уруулук доордо жашап, салт боюнча Солто уруусунун бийи Канайга баш ийгендиктен ал Бишкектин мындай иштерине бут тосуп турган. Көз карандылыктан кутулуу үчүн XVIII кылымдын аягында Канай бий менен болгон байланышын токтотуп, ал жөнүндө солто эли жыйналган жерде жарыя кыл ган. Аларча капчыгайынан жигиттери эли менен көчүп, Чүй өрөөнүнүн түздүгүндөгү Аламүдүн дарыясынын сол жээ гине жакын дөңсөөгө отурукташып, коргонуу чебин орнотот. Кийинчерээк анын айланасында соода-сатык шаар часы пайда болгон. Бул жайды жүргүнчүлөр: «Бишкекке бардым, Бишкектен чыктым» – деп жүрүшүп, акырында Бишкек аталып калган.
Бишкек баатыр 80 жаштан ашып, дүйнөдөн кайтат. Балдары Баймурат, Манакозу, Манапбай, Жорго, Рыскул жабыла киришип, атасына ал кезде Чүйдө кезикпеген күмбөз тургузган. Ар кайсы улуттардын өкүлдөрү Бишкекке келип отурукташа баштаган.
1876-жылы Россиядан Чүйгө келген белгилүү этнограф-археолог Н.Н. Пантусов Бишкек баатырдын күмбөз үн изилдеп көрүп, Ташкен шаарында чыккан «Түркестанские Ведомость» гезитине мындай деп жазган: «Бишкек жайгашкан жерг е кандайдыр баатыр кыргыздын сөөгү коюлган. Ал баатырдын аты Бишкек экен, шаар анын атынан аталып, азыр «Пишпек» болуп бузулуп айтылып калган. Кыр гыздын сөөгү дөңсөө жерге коюлуп, кийин кокондуктар дубалын бузуп, ал жерге чеп куруп алышкан. Күмбөздү курууда Ормон хан өзү башында турган дешет. Кийин узак сапарга аттанарда жолоочулар Бишкек атанын күмбөзүнө келип куран окуп, андан ары кетишчү экен…»
Демек, 1876-жылдан илгери эле Бишкек шаары болгон. Бул жай Бишкек баатыр чебин кургандан баштап эле шаарга айлана баштаган. 1903-жылы Россиядан Чүйгө келген архео лог Борис Смирнов Бишкек баатырдын күмбөзүнүн сүрөтүн тартып калтырган.
Бул күмбөз Совет доорунда бузулуп тегизделип, ал жерге азыркы кинотеатр жана «Ысык-Көл» рестораны курулган. Чүй өрөөнүнүн жер жана табигый байлыктары чет жердик баскынчылардын өзгөчө көңүлүн буруп келген. Бишкек баатырдын көзү өткөндөн кийин 1825-жылы Кокон хандыгынын 4 миңдей аскери Чүй өрөөнүн жана Бишкекти басып алган. Жергиликтүү эл ага каршы согушуп, бул кагылышууда Бишкек баат ырдын балдарынан Жорго жана Рыскул курман болгон. Кокон хандыгы Чүйдө 37 жыл үстөмдүк кылган. Ошого карабай Биш кек шаар катары өнүгө берген.
Кокондуктардан соң Бишкекти 1862-жылы Россиянын аскерл ери каратып алгандан кийин 1878-жылы Бишкекке шаар дын статусун ыйгарган. Андан кийи н 1926-жылы шаардын экинчи статусу ыйгарылган. Чындыкка таянсак, Бишкектин шаар катары аты Бишкек баатыр бул жайда чеп орноткондон баш талат.
Кыргызстандын ордосунун пайда болушу Россияныкына окшош. 1703-жылы падыша Петр I Нева дарыясынын жээгине Санкт-Петербург чебин орноткон. Бул соо да-деңиз жолундагы чептин айланасында тез эле шаар пайда болуп, он жылдан кийин 1714-жылы Россиянын мамлекетинин ордосу аталып, 200 жылдан көбүрөк кызмат кылган.
Санкт-Петербург чебинен 100 жылдан кийин Бишкек баатыр Улуу Жибек жолундагы Аламүдүн дарыясынын кечме сине жакын дөбөгө чеп орноткон. Анын айланасында шаар пайда болуп, ал азыркы Кыргызстандын ордосу Бишкек болуп турат.
Ошондой болсо да Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш 2001-жылы 28-ноябрда ордобуздун 125 жылдыгын 2003-жылы өткөрүүгө токтом кабыл алды. Бул токтом Бишкектин башталышына эмес, 78 жылдан кийин шаарга статус берилген убакка негизделген. Бул Жогорку Кеңештин 1991-жылкы Бишкектин тарыхый атын ордуна келтирген токтомуна карама-каршы келет.
Бишкектин 200 жылдыгын 2003-жылы өткөрсөк туура болот. Ошону менен бирге Бишкек баатырдын шаарды негиздеген салымын татыктуу баалап, эстелик орнотуу азыркы учурга ылайык болор эле.
Жолдошбай МАЛАБАЕВ
БАЙЗАК БААТЫР
Адам жамаатынын ичинде эки архив болот экен. Биринчиси мекеме архиви. Экинчиси, элдин архиви, калайык-калктын эсиндеги, көкүрөгүндөгү, жүрөгүндөгү «архив». Элдин жүрөгүндөгү архив эң кымбат мүлктөрдүн бири. Жумгалдан чыккан атактуу даанышман, ишмер-патриот Байзак Тооке уулу ушул эки архивдин тең түпкүрүндө сакталып келди. Нарын тарапта, айрыкча Жумгал жергесинде Байзак баатырдын ысымы абдан ардакталып айтылат, акылман, касиеттүү инсан катары урматталат. СССР доорунда кезегинде манап, бий, болуш болуп эл бийлеген «эзүүчү таптын» өкүлү катары Байзактын ысымын ачык даңаза кылууга тыюу салынып, кайран киши кара сандыкка кулпуланып унуткарылган. Болбосо, Байзак айтылуу Кыдыр аке, Калыгул, Садыр аке, Тилекмат акелердин катарында тура турган, учурунда кадимки Шабдандын кеңешчиси, оң колу болгон, (Шабдан Байзак келмейин топту баштачу эмес экен) Курманжан датка «ажы кайним» деп сыйлаган, жамы калайык сыймыктана турган инсан эле.
Биздин колубузда белгилүү окумуштуу-тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев жана башкалар казыналык архи вдерден издеп тапкан тарыхый документтер, ошондой эле белгилүү жана белгисиз жазма булактар турат. Экинчи, эмеле айтылгандай, элдин көкүрөгүндөгү, жүрө гүндөгү «архив». Ошол элдин жүрөгүндөгү, калк ичиндеги «архивди» изин суут пай, өз убагында «казып» чогултуп калган тарыхчы-мугалим Абдыхалил Молдалы уулунун «Байзак баатыр» (1993) китеби бизге тартууланган табылгыс жандуу документ. Себеби «Байзак баатыр» китебине топтолгон материалдарды Абдыхалил Молдалы уулу Байзак менен он жыл чогуу өмүр сүргөн, анын кичи аялы (1971-жылы кайтыш болгон) Оңол ападан, Байзактын өзүнүн кара чечекей кызы (1977-жылы о дүйнөгө көчкөн) Рапия энеден, 1955-жылы каза болгон уулу Ажымүдүндөн жана жигит кездеринде Байзакты өз көздөрү менен көрүп, а түгүл аны менен туздаш-даамдаш болуп калышкан, ХХ кылымдын 50–60-жылдарында көз жумушкан, Байзактын сөздөрүн жатка билишкен жумгалдык патриарх-карыялардын ооздорунан жазып алган. Демек, Байзак жөнүндөгү элде айтылган сөз жайынча гана фольклор эмес, апыртмасы арбын аңыз кеп эмес, болуп өткөн тарых, реалдуу чындык.
Эмесе, ошол тарыхый-архивдик жана элдик булактарга таянып, Байзак баатыр жөнүндө аңгеме куралы.
Жазма жана архивдик булактар эмне дейт?
Же Калмырза менен Жаманкулдун Байзакты мүнөздөгөнү
Байзак баатыр дүйнөдөн кайткан 1914-жылы Уфадан басылып чыккан Осмоналы Сыдык уулунун «Тарых кыргыз Шадмания» деген айтылуу китебиндеги «Шабдан казалы» аттуу документалдык поэма-хроникада Шабдан өлгөндө, баатырга топурак салганы келген атактуу инсандардын ысымдары аталат. Китепте: «Кулжыгачтан Байзак, кадырман эле бу дагы» деген эки сап кездешет. Демек, бул жерде Байзак баатыр чоң молдо окумуштуу Осмоналы Сыдык уулу тарабынан абройлуу, кадыр-барктуу үлкөн инсан катары бааланып, аталып өткөн. Ал эми кадимки кара жаак акын Калык Акыевдин архивинде анын өз колу менен жазып калтырган төмөнкүдөй эскерме сөзү сакталып калган:
«Байзак Шабдандын тоюна мени ээрчитип барды. Ырдап жүрөмүн. Бир күнү Байзак баатыр мага кайрылып: «Калык балам, Шабданды мактап ырдадыңбы? – деди. Жок, баатыр, ырдай элекмин» – дедим. Койчуман Өмүраалы экөөңөр Калыкты ээрчитип барып, жанында туруп мактатып ырдаткыла деди. Койчуман, Өмүраалы экөөнө кошулуп Шабдандын алдына барып ырдайын десем күбернатор, үйөздөр, биристаптар жана кыргыз, казактын чоң манаптары, алтымыш казак орус болуп катар тигилген ак үйлөрдүн жанында отурушат. Ыр эмес акылымдан адаштым. «Өмүраалы: – Ой бала, качан ырдайсың же жөтөлүп эле тура бересиңби» – деп шаштырат. Оозумда бир ооз да ыр жок. Бир аз онтолоп турдум эле, Байзак калдая тартып басып келди. Шабдан отурган үстөлүнөн тура берди. Демдене түштүм. Байзак баатырга Шабдан тура берди. Байзак да оңой киши эмес экен го деп, жүрөк токтото калып, учураша баштап ырдап турганым…» Бул эскерүүдөн кыргыздын үлкөнү, атактуу хан Шабдандын Байзакты сыйлап, урмат кылганы даана көрүнүп турат.
Дагы бир факт. Кадимки чыгаан көлдүк Садыр аке Көтмалдыдагы чоң топко келген Жумгалдын жакшыларына сын берип жатып, Байзакка келгенде мындай деген экен: «Байзак ажы, өзүңдү болсо сын көтөрбөйт. Ата-бабаңдан бери манап, кыргызда бирөө болсо өзүңсүң, экөө болсо бирисиң. Даражаң Шабдан баатырдан да артык. Кудай Таалам төрөлгөндөн бакыттын бешигине бөлөптүр. Сизге сөз жок» (Жапар Кенчиевдин «Мырзабек» аттуу китебинен, Бишкек, 2002). Атактуу Садыр аке Байзакка ушинтип баа берген.
Эми бир архивдик маалымат менен таанышып өтөлү:
«Жети-Суу областтык аскердик губернатор мырзага
Р А П О Р Т
Улуу урматтуу Сизге Каракече болуштукка кандидаттын, ошондой эле элдик бийлерди шайлоонун жана ага кандидаттардын бюллетендик баракчаларын көрсөтүү менен шайланган адамдарды Талаа жобосунун 64-статьясына ылайык кызматка бекитип берүү жөнүндө билдирүүгө уруксат этиңиз. Ушуну менен бирге болуштук башкармалыкка шайланган бул кишилер жөнүндө тоскоол болчу башка маалыматтар жок экенин маалымдаймын. Анын үстүнө алар ак сөөк манаптардын тукумунан. Маселен, Тооке уулу Султан Каракече болуштугундагы таасирдүү манап Тооке уулу Байзактын тууганы болуп эсептелет».
Уезддик начальник. 18-август 1900-жыл. Казак Респуб ликасынын Борбордук мамлекеттик архиви. Ф. 44.оп.1.Д.1329. л.1.
Бул маалыматтарды эмне үчүн келтирип жатабыз? Келтирип жатканыбыздын себеби, сөз башында белгиленгендей, эл ичиндеги аңыз сөздөрдө Байзактын өтө таасирдүү, кезегинде атак-аброю абдан жогору болгондугу айтылып келе жат пайбы. Ошол элдик аңыз сөздүн чындыгын мына моминтип жазма жана архивдик булактар да далилдеп жаткандыгын окурмандар журтуна туюндургубуз келип отурат. Ошо Байзак баатыр тегин киши эмес экендигинен улам атактуу Калмырза ырчы төмөнд өгүдөй деп чындыкты ырдаган турбайбы:
«Ассалоому алейкум!
Калайык-калкка таанымал,
Калмырза айтат саламды.
Жер соорусу Суусамыр,
Жердеген Байзак аманбы.
Кытайга чейин кыйын деп,
Кеп кылган Байзак аманбы,
Үрүмчү, Торугарт, Үчтурпан,
Чек кылган Байзак аманбы,
Эрегишкен тууганды,
Эп кылган Байзак аманбы,
Кытайдан чекти бөлгөндө,
Чен келген Байзак аманбы,
Кыргыздын ханы Шабданга,
Тең келген Байзак аманбы,
Манастын суусун Кытайдан,
Талашкан Байзак аманбы,
Кыргыздын ханы Шабданга
Жанашкан Байзак аманбы,
Хан Шабданга катарлаш
Олтурган Байзак аманбы,
Изат кылып оёздор
Кол сунган Байзак аманбы,
Үзүлгөндүн учугун
Улаган Байзак аманбы,
Ак падыша кадырлап,
Сураган Байзак аманбы».
1827-жылы туулган Байзак архивдик документтерде ак падышанын кызматында 1871-жылдан баштап тургандыгы айтылат. Коом алдында сиңирген эмгеги үчүн ал 1879– 1883-жылдарда Россия империясынын медалдарына көрсөтүл гөндүгүн архив кагаздары күбөлөйт. Байзак 1875-жылдан 1877-жылга чейин айыл старшинасы, 1877-жылдан 1879-жылга чейин Волостук башкаруу чунун кызматына кандидат болуп шайланып кызмат кылгандыгын, 1879–1887-жылдар аралыгында волостук башкаруучу, андан соң бий болгондугун жана «Байзак Тооке уулу» деп жазылган жекече мөөрү бар экендигин да архивдик документтер көрсөтүп турат. Байзак 1870-жылдардын ортосунда Шабдандын падышалык аскердик экспедиция менен бирге барган айтылуу түштүк сапарларынын составында болгон жана куралчан күчтүү орусиялык армияга каршы барып, бөөдө кан төкпөстөн, падышалык империя менен тынчт ык амалдар аркылуу ымалалашуунун жолун издеген. Түштүк сапары, учурунда бир мертебе Байзактын Шабданды айлакердик менен өлүмдөн куткарып калгандыгы эл оозунда айтылып да, кээде жазылып да жүрөт.
«Семиреченские ведомости» газетасынын 1912-жылкы № 96 басылган маалыматка караганда Шабдан Жантаев 1878-жылы орус аскери менен бирдикте кытай чегинде, Ат-Башынын боюнда кызматта болгон экен. Байзактын эл арасында аңыз болуп жүргөн алиги кыргыз-кытай чек арасын ажыратууда көрсөткөн билгилиги жана эрдиги мына ушул 1878-жылы Шабдан чекте кызмат кылып турган учурда болгон сыяктуу. Себеби бир жылдан кийин 1879-жылы Байзак Станислав тасмасындагы күмүш медалына көрсөтүлүп жатат. Ошол Байзакты сыйлыкка көрсөткөн тарыхый документ менен, урматтуу окурман, Сизди тааныштырып өтөйүн (кыргызчага кото рулду).
Байзак алысты көрө билген көрөгөч, окумал, саясаттан кабардар болуп турган кыраан, кеңири ой жүгүрткөн акылман киши болгон. 1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуш чыкканда Жумгалдын Кара-Оюнда жатып өзүнчө тынчсызданып, күңгүрөнө сүйлөнүп: «Балдарым, сапар карыды, ушу быйыл о дүйнө салам го дейм. Заман бузулуп турат. Ак падыша Гермен менен урушуп калды. Кыргызым падышанын амирине караган соң биздин элжуртт ун ичинде да бейпилчилик болбос. Мындан ары элди чогултуу кыйын болор, көз жумсам, ашымды кошо берип койгула»,– деп балдарына керээз кылган экен. Жарыктык киши өзүнүн өзгөчө туюм-билгилиги менен 1916-жылкы боло турган окуяны алдын ала туйган белем. Ырасында эле, ошо 1914-жылы Байзак дүйнөдөн көчүп, ашы кошо өткөрүлүп, Жумгал суусунун өйүз-бүйүзүнө көчө-көчө болуп тигилген боз үйлөр катары үч километрге чейин созулуп, алыс-жакындан самсып эл келип, ашты Көкүмбай менен Куйручук башкарып, Чүйлүк Жаманкул ырчы жар чакырып, кыскасы, Байзак ажынын сөөгү алты түнөп, жетинчи күнү чоң урмат-сый менен жерге берилген. Байзактын ашында жарчы акын Жаманкулдун ырдап турганы бул:
Ажынын киндик каны төгүлгөн,
Жумгал-Ата кенен жер.
Алланын жазуу ушу экен,
Көз жумду ажы кеменгер.
Кушчу, кытай, көп саруу,
Кеңкол билген ажыны
Базыс, мундуз, ичкилик,
Бүт сол билген ажыны.
Адигине, моңолдор,
Алай билген ажыны,
Черик, тезек, коңурат,
Таамай билген ажыны,
Кыжылдаган кытайдын,
Чеги билген ажыны.
Ат-Башынын, Нарындын,
Эли билген ажыны,
Бөлөкбай, талкан, жедигер,
Чүй бүт билген ажыны.
Дөлөс, бугу, шыкмамат,
Көл бүт билген ажыны.
Арым тукум, Алакөз,
Тоңу билген ажыны.
Түнкатар, түнтөй, кайдуулат,
Чогуу билген ажыны.
Оёздордун ордосу,
Бишкек билген ажыны,
Аңыз кылып билбеген.
Издеп билген ажыны.
Алайдагы Алымбек,
Башта билген ажыны.
Андан кийин Курманжан,
Датка билген ажыны.
Мургабдагы кыргыздар,
Жатка билген ажыны.
Жер ортосу Көтмалды,
Тобу билген ажыны.
Жалпы кыргыз жамааты,
Чогуу билген ажыны.
Букар, Ташкен, Самаркан,
Жеке билген ажыны.
Кабаасына жүз койгон.
Меке билген ажыны.
Олуя-Ата, Алматы,
Болуш билген ажыны.
Чек бөлгөндө таң калып,
Турпан билген ажыны,
Казакка чейин таанылып,
Султан билген ажыны.
Кулжа, Текес, Кара шаар,
Кашкар билген ажыны.
Нойгут, черик, коңурат,
Какшаал билген ажыны.
Кыргыз-кыпчак жамааты,
Жалпы билген ажыны.
Коңшу, өзүбек, казактын,
Калкы билген ажыны…
Жаманкулдун бул ыры Байзактын ким экендигинен бизге дагы бир жолу кабар берип, анын атак-аброюн тастыктайт.
Чек бөлгөн Байзак жана Курманжан датка
«Мен топто, жамы кыргыз чогулган жерде дайыма Шабдан менен бирге боломун. Ушул Көкарттын белин чек кылып, Жалал-Абад, Нарын оёздорунун чегин бөлгөнүмдө да, Шабдандын тапшыруусу боюнча мен келдим» – деп Байзак атасы дайы ма айтып каларын уулу Ажымүдүн сүйлөп берген. Орус-кытай чек арасын ажыратканда кытай өкүлү айткандай, чек Нарын суусунун өйүз-бүйүзү эмес, тескерисинче, Торугарт, Үчтурпан, Манас суусу аркылуу өтөрүн далилдүү талашып, чек бөлүүдө чоң роль ойноп, Байзактын ак падышадан чен алгандыгы өзгөчө даңазаланып айтылып келет. Кыргыз ичиндеги дубандардын чектерин жана кыргыз-казак, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын ажыратканга да активдүү катышып, Байзак чоң аброй күткөн. Анын зиректигин, жетиктигин байкап Курманжан датка да Байзакты «Ажы кайним» деп ызаат кылчу экен. Өз кезегинде Байзак атактуу Куйручукка Курманжан датка жөнүндө төмөндөгүдөй деп айтканын Ажымүдүн эсине тутуп калган:
«…Мен Шабдан менен датка айымдын элдин камы үчүн болгон пикир алмашууларына да көп жолу катыштым. Мен ушул жашка келгенге чейин кыргыз, казак, түндүк, түштүктүн зайыпзатынын эң мыктысы ушунун зайыбы деген эл мыктыларынын үйлөрүндө көп болдум. Бирок акылы, мүнөзү, так сөзү, ойлуу, суздугу датка айымга окшогон бир дагы зайыпзатын жолуктурганым жок».
Датка айым менен пикир алышканда, тактысында ойлуу, суз, бир калыпта, айткан сөзгө гана так жооп берип, өзү сөзүн улантканда өтө кыска, жай, назик сүйлөп, оюнун өтө тактыгы, жүйөлүүлүгү менен пикир алышып олтурган кишини андан ары сөзүн улантуу мүмкүндүг үнөн ажыратып, апкаарытып коёт.
Анын бир калыпта ойлуу, суз олтурушу эч бир адам жакындай албай турган сүр берип турат. Жактырбайыраак калып, кишиге жоопту кесе айтарда, өңүнө кичине жумшаруу киргенсип, кайра баягы ойлуу, суз адамдар менен баарлашканда мүнөзүнөн бир дагы өзгөрүү көргөнүм жок. Баягы эле бир калыбы. Аялдын бешенесинин чырагы күйөөсү деп коюучу эле илгеркилер. Алымбек датканын барында кандай болду экен, деп да ойлоп калчубуз. Мен ал кишини да көрүп калдым.
Датканын кебинен уламбы, же кыргыздын салт, жөрөлгөсүн өтөп жатабы, Шабданды «баатыр», мени «Ажы кайним» деп коёт. Ошондон улам мен да: «Датка жеңе» – деп коём.
Ушул Көкарттын кырын чек кылып, Жалал-Абад, Нарын оёздорунун чегин бөлгөндө да Шабдандын тапшыруусу боюнча мен келдим. Мен бөлгөн жердин чегине эки оёздун өкүлдөрү тең макул болушуп мөөр-бармактарын басышып, кол коюшкан. Датка айым Алайда болгону менен, түштүктүн жер тутумдагы өзгөрүүлөргө да тие шелүүлүгү бар укукка ээ экендигин мен кийин гана билдим. Менин балалык курчтугумду көргүн, датканын пикири кандай деп сурап да койбоппуз.
…Кийинки жайда Шабдан экөөбүз Ат-Башы аркылуу Арпалап жүрүп олтуруп, Алайдын башын ашып, даткага атайын жолуктук. Баягы эле ойлуу, суз мүнөзү.
…Жердин чеги жөнүндө Шабдан кеп кылып калды эле: «Баатыр, эки оёздун жеринин чеги туура, башкача чек болууга тийиш эмес. Бирок өкүлдөрдүн пикирине эл эгеси (даткасы) ыкырарбы, ушуга күйбөй эле шартнама кагазыңарды бүтүрө салдыңар. Бул жолу бул шашмалыгыңарга макул болдум. Силердей эл эгесине шашмалык жолдош болсо, жаман иш. Мындан ары шашмалыкты боюңарга жакын кармабагыла» – десе болобу.
Байзактын бул айтканы Курманжан датканын мүнөзү, жүрүш-туруш сыпаты жөнүндөгү эч жерде жок, абдан баалуу тарыхый маалымат болуп эсептелет.
Байзактын этикасы
Байзактын туурачыл, бардыгына тең караган адилет эл башчысы, калыс бий болгондугу да эл ичинде аңыз кылынат. Ал кыргыздын далайлаган чоң топторуна катышып, элдин көп маселелерин адилет чечкен жана жекече өз ара чырлар, үй-бүлө проблемалары боюнча да кеңеш, калыстык сурап ага кайрылып турушкан. Архивдик маалымат боюнча Байзак айтылуу Тайлак уулу Осмондун адамдардын канына сабын болгон айрым криминалдык иштеринин натыйжаларын соттук тергөөгө да катышкан экен. Байзактын калыс болуш, бий болгондугу бекеринен эмес. Байкасак, анын өзүнүн ичтен терең ойлонулган идеялары, позициясы, өзүнчө философиясы жана карманган принциби болуптур. Минтип айтып жатканыбыздын жайы мындай. Жанагы «Байзак баатыр» китебинин автору маркум Абдыхалил Молдалы уулу мени окуткан агайым эле, андыктан көп сырдашып, маектешер элек. Өзүнүн китебине киргизген Байзактын философиялык ойлорун Абдыхалил агай ажынын кичи аялы Оңол эненин оозунан жазып алганын атайылап басым коюп айтчу. Байзак өзүнүн төмөндөгү сөздөрүн кийин болуш болушкан уулдары Жантели менен Зарбатка боз үйдүн ичинде насааттап айтып отурганын андагы жаш зайып Оңол угуп отурчу экен. Эмесе, Байзактын ошол маанилүү ойлоруна көңүл буралы:
«Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү менен башкар. Калыстыктын күчү менен эл башкарсаң, бийлигиң бүткөн күнү да эл менен кала бересиң… Дүнүйөлүү киши оома келет, карапайым элге жак, мен калысмын деп өзүң айтпагын, сени калыс эле деп эл издесин».
«Туугандын турпагы – алтын» дегени менен да мен бийлик ээси болуп турганда өзүм гана элдин сынында эмес, туугандарым да элдин сынында. Алардын шарыяттын, мыйзамдын жолун катуу сакташы – туугандык парзы. Алар «Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» деген сөздү менин наамыма айттырса, анын туугандыгына карабай, эл безер тетирлерин теске салыш шарыят жолунда да, мыйзам жолунда да бийлик үчүн актык иш. Мен тууганымдын болушу эмес, элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган, элге калыс боло албайт. Байзак Байзак болуп турганда бир тууган агасынын балдарын абакка салган деп айрымдары кеп кылышар. Очо менен Төрөнү абакка мен салган жокмун. Мен Очо менен Төрөгө болгон элдин көңүлүндөгү ызасын, көкүрөгүндөгү дартын гана кетирдим…»
«Эл жакшысы карапайымдыгын жоготсо, мансап кууса, дүнүйө ээрчисе, өзүнө көнүмүш байкалбай жатканы менен анын паска түшкөнү ошол. Дүнүйөнүн чордону алтын го, дал ошол алтын жылтылдап адамды азезилдей ээрчиткени менен ак эмгектин алтыны болбосо азапка салат. Адам алтын таппай азап табат». (А. Молдалиев «Байзак баатыр». – Бишкек, 1993, 67–68-беттер).
Байзак даанышмандын бул терең ойлору жетекчи адам кандай болуш керек экендиги жөнүндө бизге калтырылган баа луу нуска. Бул ойлор мына мобу бүгүнкү коррупцияга, трайбализмге, өзүмчүлдүккө, «прихватизацияга» каршы күрөштө, рухий кайра жаралуу ишинде бизге курал болуп берчү идеялар жана мамлекет башчысынын жакында жарыялаган өлкөнү акыйкат башкаруу туурасындагы чакырыгынын контекстинде абдан актуалдуу. Биз көп учурда америкалык баланча философ минтип айткан, түкүнчө европалык саясатчы антип айткан деп өз пикирибизге таянычты чет жактан издейбиз. А көрсө, салмагы сайдын ташындай ойлор, нускалуу идеял ык-философиялык нарктар өзүбүздүн казынада деле жаткан турбайбы. Байзактын өйдөкү сыяктуу ой уютмаларынан алынган цитата бүгүнкү ар кандай оратордун, насаатчынын сөзүн, же болбосо ар кандай окуу китебинин текстин кооздой алат дээр элек.
Жогоруда Калмырза: «Эрегишкен тууганды, эп кылган Байзак аманбы?» – деп атпайбы. Чынында эле, Байзак табиятынан тубаса дипломат, туюктан жол таба билген айлакер инсан болгон экен. Ал уруу аралык жаңжалдарды жайгаштыруунун, конфликттерди эптүүлүк менен чече билүүнүн чебери аталган. Кырдаал чегине жете курчуп, абал көзөмөлдөн чыга баштаганда чырды, чатакты токтотуунун айла-амалын, аргасын табууну Байзактан суранышкан. Буга маселен, анын айтылуу Күласал кыздын айынан Жумгалда Курманкожо менен Кулжыгач эли чабыша турган болгондо, эбин таап эки урууну элдештиргени мисал. Уулунун кудаланып коюлган колуктусу Күласалдын Чойбектин уулу Абдылдабекке качып барып тийип алганына катуу намыстанып Көкүмб ай болуш, Курманкожо уруусунан кол курап, Качыке элин чапмакка аттанып, айыл четине кирип келет. Үрөйү учкан болуш Мырзабек Байзакка шашылыш келип, Көкүмбайды токтотууну өтүнөт. Уруштун алдында ажынын алдынан бир өтүп коюу үчүн Көкүмбай Байзактын жыйын дөбөсүн карай бурулат. Ачууга муунган Көкүмб айдын маңдайында Байзак ажынын сүйлөп турган жери:
– Ачуунун да, намыстын да чеги болот. Чийинден чыккан эки баланын иши үчүн бир атанын балдарын бири-бирине каршы кол куратып, эл чаап аламын дештин кимге кереги бар?! Өткөндү болочок ишке үлгү болсун деп айтасың да, атаң Медет датканын токтоолугун айтпайсыңбы. Хан Ормонду ызааттап, Соңкөлгө конокко чакырса, ал көргөн сыйынын үстүнө: «Мага Соңкөлдү көрсөтпөй жайлап жүрөсүң» – деп тогуздап айып салганда: «Сеники чын» – деп акылга жеңдирип тим болгон кайран датка. Кийин ордодогу Балбайдын утуш бир байталын бербегендигинин түбү Ормонду эмне кылды. Болор-болбос иш үчүн бир атанын балдары кол курашып чабышпай, каягы болсо да акыл жараштырып, ынтымак менен, сөз менен бүтүрүш сөк, ушунубуз терең акылдуулук болуп жүрбөсүн?! Колду тарат». (А. Молдалиев. «Байзак баатыр, 79-бет).
Көкүмбай ажынын кебине муюп, сөзүн эки дей албай, колун тараткан экен.
«Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа» дегендей, тарыхый-турмуштук фактылар Байзактын инсан аралык өз ара мамилелерде, жекече алакаларда да абыдан кылдат, токтоо, сабырдуу боло билгендигин, майдачылыктан өйдө көтөрүлүп, маселеге жогортон серп сала билген, арканды узун таштап иш кылган кенен инсан болгондугун күбөлөйт. Иштин артын, келечекти ойлоп, бирөөнүн өзүнө каршы жасаган жоруктарына кечирим менен карап, чаап айтпай, таап айтып, сокур намыска алдырбай, керек учурда артка чегине билип, татаал кырдаал дан акыл менен чыккан.
Буга Балыкчыдагы Шабдан катышкан чоң топко баратканда жигиттеринин атын жыгып алып ызалап, тентектик кылган Көкүмбай менен Курманды кектебей, Шабданга, жалпы журтка белгилүү кадыр-баркына таянып өч албай, кайра аларды ошол чоң топто бирин чыбык кыркарга, экинчисин катчылыкка шайлаттырып, көтөрмөлөгөндүгү, колдогондугу ачык мисал. Көкүмбай менен Курман Байзактын мындай айкөлдүгүнө таңданышып, жасаган жоруктарына уялышып, андан кийин ажыны урматтап жүрүшкөн. Байзактын жүрүм-турумунда мындай мисалдар арбын.
Бүгүнкү мезгил тирешүүнүн эмес, диалогдун заманы, толеранттуулуктун заманы деп жатабыз. Биз бүгүн диалог чеберчилигине, маселени кызыкчылыктардын балансын эсепке ала билип, макулдашуу, келишүү, өз ара кечиришүү, бири-бирине жол берүү жолу менен чече билүү искусствосуна, акыл-эстүү компромисттин жана консенсустун өнөрүнө дал ушул Байзак даанышмандан үйрөнүшүбүз керек го. Байзактын мындай кылдат этикасы бүгүнкү саясатчылар, жетекчилер, дегеле ар бир адам үчүн өтө зарыл өрнөк жана үйрөнө турган рухий-этикалык мурас дегибиз келет.
Дал мына ушундай айлана-чөйрөгө, жамаатка таалимтарбия боло турган адамдык айырмалуу касиеттерин, даа нышмандыгын көрүп-билип ынангандыгынан улам атактуу Куйручук Байзакты: «Бүт кыргызга баркы алтын, Кара-Ойдогу карк алтын» – деп мүнөздөгөн турбайбы.
Эки дүйнөнүн кагылышы жана
Байзактын жаңы жолго бурулушу
XIX кылымдын экинчи жарымында патриархалдыкфео далдык Орто Азия Россиялык капитализм менен кагылышкан эле. Чындык салыштырууда таанылат эмеспи. Шаарларды салган, завод-фабрикаларды, станокторду курган падышалык держава менен кагылышуу көчмөндөрдүн көзүн бир топ эле ачып койгон. Орус дүйнөсү менен көчмөн дүйнөнү салыштырып келип, айтылуу Осмонаалы Сыдык уулу:
…Басмакана жана бар китеп баскан, Өнөр менен ушуларды адам тапкан. Жалгыз ак казак-кыргыз карап жаткан, Катардан калып калдык наадандыктан.
Не керек мынча жатыш, ай, ай тууган!
Акылдуулар ойлонуп шаар салган.
Ар ишин ирээттеп куруп алган,
Үмүтү жок жалкоо кыргыз,
Тоо башынан орун алган,
Ар өнөрдөн куру калган, – деп өкүнсө, Алайдагы Курманжан датка куралчан армиянын алдында тоолуктардын алсыз экенин сезип, күйүтүн минтип ырга салган:
Алакандай элимдин, Аздыгына күйөмүн. Тили буруу душмандын, Кастыгына күйөмүн. Кол кайрууга амал жок, Алсыздыкка күйөмүн.
Мына ушундай кырдаалда Байзакка окшогон алысты көргөн адамдар найза, чокмор көтөргөн, кылыч байланган жоокерчилик замандын доору бүткөндүгүн, эми мындан ары карай кыргыз баласы башка калктарга агартуу, илим-билим аркылуу гана тең ата боло аларлыгына жана каяша кыла аларлыгына, билек жирей албаганды билим жирерине көздөрү жеткен. Замандаштарына: «Отурукташа баштагыла, дыйканчылыкка оогула, мал бир эле жуттук. Колдон келсе балдарды мектептен окуткула, орустун тилин, илимин, өнөрүн үйрөн сүн» – деп Байзак көп үгүттөгөн. Өзүнүн калайыкка айткан оюн иш менен бекемдеп, ал Жумгалдын Кара-Оюна биринчи болуп медресе салдырып, жаш балдарга билим эшигин ачкан. Бул окуя учурунда алыскы тоо арасындагы өзүнчө бир революцияга тете иш болгон. Байзак – агартуунун туңгуч уюштуруучусу. Ошон үчүн анын эмгеги, ысымы ызаатталууга татыктуу болуп отурат.
Калыкты ээрчиткен, Куйручукту телчиткен, балбан кыздын багын ачкан
Байзактын элдин эсинде калган дагы бир кызматын айта кетүүгө тийишпис. «Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин, адамдын арзан менен кымбатын» – дейт эмеспи калкыбыз. Анын сыңарындай, турмушка кенен караган Байзак талантты урматтай билген, күлүктүн күлүктүгүн кулун кезинен таанып, аны таптап такшалтып өстүрө билген устат болгон. Куйручуктун, Калык ырчынын, кийин атагы алты дубанга кеткен айтылуу Жумгалдык балбан кыз Сүйүндүктүн «жерде жаткан жумуртка асмандап учкан куш болорун» эртелеп баамдап, аларды канатынын алдына калкалап, кожодой колдоп, жөлөк-таяк болуп берген. Илгери дубандарда өтүп турган чоң аш-тойлор, калк башчылары катышкан чоң топтор азыркы эл аралык конгресстердей, олимпиадалардай, курултай, фестивалдардай эле улут турмушундагы маанилүү зор окуялардан болгон. Андай алыстагы чоң аштойлорго, чоң топторго көрүнгөн эле адам барып катыша алган эмес. Мындай үлкөн иш-чараларга катышуу инсан үчүн өзүнчө эле бир турмуштук мектеп болгон. Байзак Калыкты, Куйручукту, Сүйүндүктү жаш кездеринен дал ошондой чоң топторго өзү менен кошо ээрчитип барып көздөрүн ачкан, көнүктүргөн, жетилткен, мелдешке чыгарган, күрөшкө салып, эңишке түшүргөн. Сүйүндүктү Жумгалдын бир коктусунда жүргөн жеринен таап, аренага алып чыгып, балбан кыз катары Ала-Тоо аймагына тааныткан – Байзак ажы. Тулкусу сазга батып кирип кеткен уйду мүйүздөн кармап баткактан сууруп алган Сүйүндүк кыз күрөштө да, эңиште да эч кимден жеңилген эмес. Өз кезегинде Сүйүндүк менен Куйручук Байзакты устаты катары өтө урматташкан. Байзак ажы карыган чагында өзүнүн айтылуу жыйын дөбөсүндө отуруп, Куйручукка мындай деген экен:
«Куйручук, сенин басып өткөн жолуң, уккан-көргөнүңдү калпыс айтууга аракеттентпес калыстыгыңдын аркасы менен сени эл тааныйт. Жигитим мага калыс боло албайт, анткени ал дайыма мени менен бирге жүрөт. Сен эртең эле эл арасындасың, чындык да элдин элеги аркылуу сындан өтөт. Эл арасындагы ошол электин алкагын кармагандардын бири сенсиң. Бирок алкагын кармагандардын баары эле Куйручук боло бербейт. Сенин айдаган малың, күткөн дүйнөң – эч кимдин бетине карабай айткан акылдуу курч сөзүң, калыстыгың. Ошол калыстык сени түбөлүккө элге сиңирип коёт». Мына ушинтип, Байзак Куйручукту терең баалап, анын улуулугуна, өлбөстүгүнө көзү жеткен. Байзак үчүн дүнүйө-мүлк эмес, чындык, акыйкат сөз, калыстык эң жогорку руханий дөөлөт болгон. Ал ушуга сыйынган.
Кытай императорунун кабыл алуусунда болгон Түлкү баатырдын урпагы
Акырында, Байзак Тооке уулунун ата-тегине кайрылып, жыйынтык сөзгө өтөлү. Акылман Калыгул Бай уулу ырдаган тура: «Арык койдун терисин, алты ашатсаң ий болбойт, атадан жаман туулганды, ак кийизге салдырып, көтөргөн менен бий болбойт». Байзактын бий болгон себеби, ал атадан алгыр, энеден кыраан туулган жан болгон. Тукуму мыкты, илгертен ата-бабалары көк жал баатыр чыгып, эл башкарып келген. Байзактын бабасы саяк тукумунан чыккан айтылуу Түлкү баатыр. Калмактарды талкалап, Ала-Тоодон сүргөн, көчтүн жолуна жатып алган жолборсту жөө басып барып, учуна коргошун уютулган камчы менен башка чаап өлтүргөн, айтылуу Санчы сынчынын досу (Тоголок Молдонун санжырасы боюнча) Түлкү Айт уулу 1758-жылы кыргыздардан барган элчилердин курамы менен Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, 3-класстагы чен даражасы жана тоту куштун учу менен сыйланган (Супруненко Г. П. Китайские источники о киргизах в XVIII-1 пол. XIX вв. ф., 1979, 204 б.).
Ошол Түлкүнүн Качыке, Кедей, Ажыбек, Шайбек, Карагул, Көккөз деген 6 уулу болгон. Качыке опсуз баатыр чыккан жана тарыхчы Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча ал казактын Аблай ханынын баскынчылыгына каршы күрөштө бөтөнчө айырмаланган (атактуу ырчы Мыскал Өмүрканова ошол Качыке баатырдын чөбүрөлөрүнөн болот). Ал эми Түлкүнүн экинчи уулу Кедей жазма булактардын маалыматы боюнча кезегинде саяк уруусунун башчысы болгон. Байзак ошол баатыр Кедейдин небереси болот.
Анткен менен тукуму жакшы болсо да, туурунан учуп, туш-тушка чабыттап, турмушту көрүп такшалбаса, окуп-чокубаса, тар чөйрөдө эле өзүнөн өзү аргымакча арыш керип, алдыга озуш кыйындыр. «Адамдын жаманжакшысы туулгандан эмес, тарбиядан», «Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич» – дейт эмеспи эл макалы. Байзак жаш кезинен Кокондон, Кашкардан Жумгалга келген чоң молдолордон окуп, көзү ачылган. Кийин Жумгалды кесип өткөн кербендерге кошулуп, тыягы Ташкент, Бухара, Самарканд, Коконго, Мекеге дейре, быягы Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага чейин кыдырып, шаарларды көрүп, соодагерчилик да кылып, эл таанып, жер таанып, бөлөк дүйнөнү көрүп, дүйнө таануусу, аң-сезими өсүп, ой жүгүртүүсү кеңейип, жамандык-жакшылыкты эрте таанып, кыргыз турмушуна, өмүр-жашоого бийиктен талдай кароого үйрөнгөн. Мына ошондой деңгээли жогору болгондуктан карыган кезинде Байзак жанындагылардын караңгылыгына кейип, теңтайлаш маектешкенге киши таппай: «Мен эт сагынган жокмун, кеп сагындым», – деп өкүнүч кылган тура. Ички жана тышкы чек араларды бөлүшүүгө катышкан учурдагы Байзактын ийгилигине анын бай турмуштук тажрыйбасы жана узун элдин учун, кыска элдин кыйырын кыдыргандагы географиялык билими жакшы көмөкчү болгон деп айтышка болот.
Байзактын кайгысы же соңку сөз
Эл арасында Байзак өзү мал күткөн эмес, ага союшту эл берип турган деген кептер айтылат. Мамлекеттик архивден табылган маалыматтар мындай кептин чындыкка туура келбестигин күбөлөйт. Токмок уездинин башчысы А. Талызиндин 1896-жылы Байзак баатыр жана анын туугандары жөнүндө түзгөн маалыматында Байзактын өзүнүн 5 төөсү, 20 жылкысы, 7 ую, 100 кою болуптур. Демек, Байзак өз эмгеги менен күн көргөн адам болгон. Ал эми 1912-жылкы чарбалык каттоонун маалыматы боюнча Байзактын уулу Жантелинин ээлигинде 120 жылкы, 3 төө, 29 уй, 468 кой, 85 эчки болгон экен. Байзактын балдары Жантели менен Зарбат болуш болуп өтүшкөн. Байзак биринчилерден болуп отурукташууга өтүп, КараКеченин Бозкоргонуна заңгыратып чоң там салып, элге таалим көрсөткөн.
Айта турган нерсе, Байзактын өмүр-турмушу дайыма эле тегиз болгон эмес, өмүрү түйшүктө өткөн, кайгылуу, драмалуу окуяларга кабылып, азаптарды да тарткан. Байзак эл-журтка калыстык кылып, калкка запкы көрсөткөн туугандары, Очо менен Төрөнү абакка каматып, кээ бир жек-жааттарынын каргап-шилөөсүнө да тушугуп, түшүнбөстүктөрдүн запкысын жеген.
1874-жылкы «Түркестанские ведомости» журналынын берген маалыматына караганда, XIX кылымдын 60-жылдарынын баш жактарында солто менен саяк уруулары жер та лашып катуу чабышып, далай адам кырылып, орустардан мылтык алып, куралданган солтолордун күчтүү чабуулунан саяктар аябагандай запкы жеп, артка чегинип, кырылгандан, колго түшүп туткундалгандарынан калгандары Чатыр-Көл, Аксай, Арпага качып, Байзак да туугандары менен кошо туулг ан жерин таштап, кан жутуп кайгырган мезгили болгон. 3–4 жыл Жумгал эл жашабай ээн калган экен. Кийин орус администрациясы кийлигишип, солтонун башчыларын тыйгандан кийин гана Байзак эли менен Аксай, Арпа, Нарын тараптан Жумгалга кайра көчүп келген. Бул 1860-жылдардын ичинде болгон окуя.
Бийликти эбак өткөзүп, аренадан четтеп, арааны жүргөн заманы артта калып, жашы 80ге таяп, карылыкка моюн сунуп, үйдүн айланасынан чыкпай калган чагында Байзак бир күнү капалана күңгүрөнүп мындай деп өкүнгөн экен: «Ээ, учурунда сенин кыргыз деп чапкылаганыңды эч кимдин этибарга албаганы, ал тургай кеп да кылып койбогону карылыктын кошумча кайгысы тура. Кезегинде кайран Шабдан экөөбүз кыргыз деп жакшы эле канат талыгыча чапкыладык. Эми аны ким билип атат. Бул кайгы эмей эмне?
Чыныгы кайгы тоталитардык идеология учурунда манап делип, Байзактын ысымы катардан, тизмеден өчүрүлүп, эмгеги көрмөксөнгө салынып, тебеленип, кодулангандыгында болбодубу. Мына эми демократия, эркиндик берилгенде биз Байзакка кайрылып келдик. 2003-жылдын 5–6-ноябрында Жумгалда Байзактын 175 жылдык мааракеси өткөрүлүп, ага арналып, илимий конференция уюштурулду, спектакль коюлду, райондун борборунда эстелиги ачылды, Байзак айылында заңгыраган күмбөз тургузулду. Бишкектен баатырдын өмүр жолун, ишмердигин чагылдырган, архивдик материалдар менен коштолгон чоң китеп чыкты (китепти түзүп, басмадан чыгарган Советбек Байгазы уулу). Салтанатта Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Курманбек Осмонов жана Кыргыз Республикасынын эл Баатыры Турдакун Усубалиев Байзак жөнүндө кеңири сөз сүйлөштү. Мына ошентип, Байзактын кайгысы кетип, баатыр кайра тирилип, арбагы ыраазы болгонсуду. Тарыхый акыйкат кайра калыбына келди бейм. Мындан аркы милдет Байзактын өмүр-таржымалын, ишмердигин архивдерден дагы караштырып изилдөө, анын атуулдук-патриоттук өрнөгүн, акыл-ой мурасын жана жанагындай этикасын өсүп келаткан муундардын боюна сиңирип, энчисине айландыруу.
Советбек БАЙГАЗИЕВ
БАЙТИК БААТЫР
Адамдын дүйнөгө болгон көз карашы, ага карата жасаган мамилеси бала чактан башталат. Бала чактагы асер баарынан элестүү, таасирдүү. Ал өмүр бою өзүң менен болот, унутулбайт. Бара-бара жашоонун жакшы-жаманын, оош-кыйышын, күйүт-күлпөтүн өз башыңан өткөрүп, инсан катары калыптана бересиң. Бирок мурдагы кээ бир бүтүм, түшүнүктөр турмуш, мезгилдин агымына жараша өзгөрүп жүрүп отурат. Эми бул белгилүү да. Диалектика дейли. Алыс кетип не, күнүмдүк көртирлик туруптур дечи, биз кечээ эле жалпы адамзат, анын өнүгүү процесси боюнча кандай ойдо элек? А бүгүн? Салыштырып болбойт, таптакыр башкача.
Айталы тарых. Биздин эле өзүбүздүн XIX кылымдагы тарыхыбызды алсак… Жашырганда эмне, андагы социалдык абал, айрым орчун маселелер бир жактуу каралып келгенин мына эми-эми гана баамдай баштабадыкпы. Жок, а туурасында караманча бейкабар болгонбуз деген ойдон алыспыз. Кайсы бирлерин кадыресе, жакшы эле билчүбүз. Бирок аны ачык айтуу дээрлик мүмкүн эмес эле.
XIX кылым элибиздин өткөндөгү эң урунт мезгилдеринин бири. Эмнелер гана болбогон. Уруу-уруулардын ортосундагы кандуу жаңжал, сырттан келген баскынчылардын алааматы, азып-тозгондук… Кантсе да, алардын ичинен Кокон хандыгы менен Россия империясынын бизге карата жүргүзгөн экспансиялык саясаты өзгөчө орунду ээлейт.
Мен тарыхчы эмесмин. Аларга илимий талдоо жүргүзүү ошол тарыхчылардын иши. Мен жөн гана жазуучу катары а кездеги айрым окуялар, асыресе аларга түздөнтүз катышы бар ири инсандардын бири Байтик баатыр жөнүндө кыскача ой бөлүштүрөйүн деген ниетим.
Учурда анын 175 жылдык юбилейинин өтүшү – бу да болсо ушу бүгүнкү күнүбүздүн, демократиянын шарапаты го. Антпегенде мурда мындай жышаан ойго да келмек эмес. Башканы кой, канча жыл баатырдыгы мындай турсун, «Байтик…» деп атын атоого батына албай жүрбөдүкпү. Акыры акыйкаттык жеңет экен, минтип өз тизгинибиз өзүбүзгө тийип, болгонду болгонунча сөз кыла баштадык. Ошентсе да утурумдук ургаалы кыял, эмоцияга алдырбай, объективдүү болуубуз орундуу. Андыктан тигил же бул маселелер, атак-даңктуу адамдар жөнүндө пикир айтууда биринчи кезекте тарыхый чындык, болмуштарга таянганыбыз талапка ылайык.
Байтик баатырдын туулгандан о дүйнө кеткенине чейин көп эле жазылды. Анын ичинде 1860–1862-жылдарда, Бишкекте болгон окуялар боюнча да. Аларда Байтиктин баатырдыгы, өмүрүндөгү алгым иштеринин бирден бири, алиги Рахматулланы өлтүргөнү сымал көрсөтүлөт. Анын себебин да кайдагы бир акылга сыйгыс айың менен айгинелөөгө далалат кылынат. Чыгармачылыкка байланыштуу, асыресе Бала Кутуян жөнүндөгү романды жазуу учурунда буга айрыкча көңүл буруп, анын ийне-жибине чейин терип-тескеп чыккам. Каерге, кимдерге гана барбадым. Баары Байтик баянын жакшы билген адамдар эле. Көбү убагында дарыгер-табыпчылыгы, окумалдыгы эл оозуна алынып кеткен, бир жагы санжыра, оболкуларды өз башынан кечиргендей саймедиреп айткан Саякбай молдонун сөзүн ырас ташат…
«Ал жөн эле бир кеп, – деп келчү жарыктык. – Мен Байтикти көрүп калган кишимин. Туура, анда жашыр аак элем. Кантсе да, а кездегилер али күнү эсимде. Ошондо эле бу каран дай калп экени, бар бүткөнү Баатырга, анын атак, аброюна көлөкө түшүргүсү келген кесир-тепкирлердин ойдон чыгарган осол кеби экени эл-эл боюнча айтылчу. Тарбия-таалим алсын деп, кат таанысын деп… А кудайын тааныбаган кур чирендин коргону эмне, Ордо беле. Анчалык эле тарбия, таалим керек болсо, алардын баары өзүндө турбайбы Баатырдын. Анын үстүнө Байсал көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн тун баласы. Бармактайынан кайда болсун, кайда барбасын, аны өзү менен кошо алып жүргөн. Бая ушу баштан эл аралап, аркыберкиге каныга берсин дегени да. Анан аны кайнаса каны кошулбаган, сыртынан сыпаа мамиле жасамыш этип, ар жагында каракчынын как өзүндөй санаган касына эмнеге жибермек? Баса, анан да а кезде ошентип жер-жердеги бий-манаптардын жакын кишилерин аманатка алып турушчу экен го деп… Болбогон кеп. Аманаттыкка алда бир шашылыш абал, кырдаал кыйын тартып бараткан учурда гана алынган. Кийин, мобу Совет чыкканда калаадагы эмчилер окуусун бүтүрүп, (фельдшерлер курсу – Ө.Д.) буйрук экен, ошо Байтиктин конушу ченге салына баштаган Ташдөбө кыштагындагы ооруканага орношуп калдым. Аерде Баатырды көрүп эмес аны менен кадимкидей даам сызышып калган ага-тууган, айылдаштары менен көп баарлашкам. Байтик туурасында эми алардан аша билген ким болмок? Сөз мындай: Рахматулла Бишкектин беги болуп келгенде (1861-ж.) Байсал жыйырмалардагы кер мурут жигит экен. Кайсы бир жолу Олуя атасыбы же… билбейм, айтор, бирдаар мартабалуу мансап ээлеринин келиш ырасмине карата Байтикти чакыртат. Байтик бармакпы, Байсалды жиберет беш-алты жигити менен. Чептин ичи толтура эл. Аңгыча керней-сурнай тартылып, тегеректегилер дүрбөп калышат. Байсал Рахматуллага катарлаш турган го, тигилердин бири бери жакындай бергенде: «Ал, албайсыңбы атын. Кана!» – дейт Рахматулла Байсалга бурула. Мындайды эгерим угуп-көрбөгөн Байсал териге: «Мен ат алганы үчүн келипминби, таксыр? Алса ана сыпай-сарбаздарыңыз алсын. Мен Байтиктин баласымын!..» – дейт. «Ха-а!» – Тиги жаалдана, көзүнүн чаары чыгып: «Ошондой де!? Керек болсо, мен атаң Байтиктин өзүнө алдырам атты…» – дейт да конок тору на колун жая, ары илгерилей басат. Алар антип опур-топур түшүп жатканда, Байсал шарт аттана, жигиттери менен жүрүп кетет. И анан, муну айтат да, атасына, айтпай койчубу. Байтик аны угуп, үн-сөз дебей саамга олтуруп калган дейт түнөрө катып. Ким билсин, балким ичинде: «Э, Ракматылда кимчелик болуп калыптыр. Тек, текебердиги да. Дегеле кокондуктардын жеринен ниети түз эмес бизге. Көпчүлүктүн көзүнчө баланын шагын сындырып, баарыбыздын багыбыз ошолорго байланып, бир ошолор тагдырыбызды чече тургансып… Кызыталак, алдырам!
Алдырам сенин атыңды!.. – деп купуя ичинен кайрый, нак ошондо кайрагандыр тишин?.. Балким…
Же балким, бул жөн гана утурумдук «чарт жарылуу» эмес, канчадан бери жалаң жалгыз өзү төлгө салып табышмак кылып келген опааты оюнун козголушуна милте койгон элес-булас белгиси чыгар?
Неси болсо да бул баалуу, өтө баалуу маалымат.
Эл арасында мындан бөлөк да айтымдар бар. Бирок алардын баарынан мына ушул уламыш болмушка жакыныраак сыяктуу.
Саякбай молдо кечээ эле элүүнчү жылдары кайтыш болду. Ал «эскиче», жаңыча да кат тааныган, кудай-арбак, куран сөзүн бек кармаган, калайык-калкка кадыры өтүм жан эле. Имам эле. Андай киши жалган айтмакпы?
Рахматулланын өлтүрүлүшү, ырасында алиги учуртум ушак менен түшүндүрүлбөйт. Анын нукура нугу, башаты башкада: ошо таптагы коомдук-саясий кырдаал, эл аралык, асыресе Россия падышачылыгы менен Кокон хандыгынын өз ара тирешүү, атаандашуу алаңында. Жети-Сууну жердеген кыргыз, казактын акыбалы абдан оор болгон. Айрыкча Чүй боорундагы кыргыз уруулары үчүн: эми бу, кай тарапка ык коюу керек? Коконгобу? Канткен менен тили, дини боюнча жакын, үйүр алым хандык. Жок, антели десе, ошо кокондуктардан көрүп атышпайбы көргүлүктү. Төбөгө камчы ойнотуп, үймө-үй качырып кирип, үрөй учурган сарбаздары канча. Бөтөнчө жаңкы Рахматулла келгени ашкере күчөп барат. Чыдамдын да чеги болбойбу. Буга карап, орус жагына оойлу десе, анын деле азырынча көзү түз, көөнү жайгам көрүнгөнү менен, ары ичинде кандайдыр бир сыр катым кылапат ою бар сымал… Айтор, эки оттун ортосу. Мына ушундай кыйын учурда Байтик мен өзүм билемдикке салбай, быягы Жангарач, жогоруда Жантай сымал «жакшылар» менен дайыма кеңештеш болуп турган. Акыр аягы Орус мамлекетинин курал-күчү, дегеле жалпы зоболосуна ыклас арта, кокондуктарга ачыктан-ачык каршы көтөрүлүүнү чечишкен. 1860–1862-жылдардагы Чүй өрөөнүндө, айрыкча Бишкек менен Токмок калааларында болгон окуялар ошонун бир күбөсү. Албетте, бул чечим оңойолтоң чыгарыл ып, оңоюнан ишке ашырылган эмес. Аны жамы-журт жакшы билет. Баарын уюштуруп, баарынын башында турган Байтик баат ыр болгон. Кокон хандыгынын урашы, дегеле бүткүл Түркстан аймагын басып алуу кампаниясынын жүрүшү так мына ушундан башталат. Бул тана алгыс тарыхый чындык. Биерден биз ал кайсы бир чөлкөм, өрөөн гана эмес, жамаатташ эл, мамлекеттер аралык маселелердин ажатын ачууга жөндөм, кыраакы саясатчы болгонун баамдайбыз. «Ак падыша» тарабынан ага алгачкылардын бири катарында аскерий наам, орден, медалдар, дагы башка сыяпат сыйлыктары ыйгарылган. Александр-II такка олтуруу аземине катышкан. Мынчалык ардакка ал бекеринен жеткен жок да? Империя, элибиздин ошондогу мурат, мудаазатына ылайык жүргүзгөн ийги ишмерлиги, адалы – ак эмгеги үчүн алды да аларды. Арийне, азыркы позициядан туруп караганда, анын өзү, аткарган иши бүтүндөй оң, орундуу болгон деп эч ким так кесе айта албас. Анткени ага ар кыл талашсыз далил, негиздер бар… Кантсе да, биз биринчи кезекте а кишинин кай мезгил, кандай чөйрөдө жашап өткөнүн эске алуубуз парз. Ага объективдүү баа берүү өтө кылдат, кара кылды как жарган калыстыкты талап кылат.
Аттиң де, эч болбогондо ал, анын жүзөгө ашырган алгым иштери жазылган алиги «ором кагаздары» сакталып калганда не! Анда моминтип кээ бир көй маани маселелер боюнча түкшүмөл ой жоруп олтурбай, ачык-даана сөз кылбайт белек.
Байтик баатыр, эми мал жааты го… ал мына бу чарба, дыйканчылыкка өзгөчө маани берчү экен. Ала-Арча суусунун өйдөкү эки айрылышынан: чыгышы Бишкекке, батышы төмөнкү Каракоого дейре чоң-кичине дебей он-ондогон өстөн, арыктарды чаптырган, тегирмен салдырган. Өңгөлөргө өрнөк болсун үчүн жыгач, кыштан үй тургузуп, тал-терек, мөмө бактарын олтургуздурган.
Бул бир жагы. Баарыдан анын алыс-жакындан аалым молдо, мударистерди алдырып бала окутуп, анан да өз башынан өткөргөндөрдү, орчун окуя, болмуштарды бир кылка жаздыра жүргөнү, чынында алкоого татым таберик иш. Тэ табиятында баамчыл адам баарын сезип-туюп, баарына көзү жетип тургандыр да. Канча жерге барбады, кимдер менен жолукпады, эмнелерди көрбөдү! Алар изсиз калчубу. Бийлик деген бийлик. Анын нарк-насилин билген да, билбеген да бар. Алды – бул жоопкерчилик. Жеке өзүң эмес, сага ишенич артып, сенден жакшылык, калыстык күткөн көпчүлүктүн алдындагы жоопкерчилик. Дагы… анын,бийликтин утурумдук экени. Түбөлүкт үү не болмок. Бүгүн барсың, эртең жоксуң. «Бетеге катып бел калат, бектер кетип эл калат». Бектер эле бекен, ал баарыбыздын башыбызга келчү нерсе. Жазмыш. Тирүүлүк, тирүүлүктөгү кеп бир башка, баарыдан мобу өлгөндөн кийинкини ойлоо ылазым. Эмне калат артыңда. Укумдан-тукумга кетүүчү аздек аңызбы же кайбаты наалатпы? Байтик муну жакшы түшүнгөн. Болушунча кол алдындагы элге ак дилинен адилет эмгек эткен. Кантсе да ачыгын айтуу керек – социалдык ири өзгөрүү, жаңыланууну жасай алган эмес. Жасай албайт да болучу… Анүчүн ага тикелей күнөө коюу жарабайт. Күнөө ошо таптагы кысталаң кырдаал, ошондогу жашоо жагдайында. Байтик баатырдын бийлик башында турган бийик абалында көңүл койгон дагы бир орчун нерсе – бул эзелтен бери келаткан каада-салт, атамурасыбызга астейдил карап, анын илгеркиден калган үлгү, сабак катары калк арасында аруу сакталышына өбөк болгону. Ырас, Таласка барып, а деп айтылуу Бекмурат (Балыкооз) ырчы менен таанышканда, Байтик кемелине келе элек жаш бала экен. Жаш болсо да ал ыр, сөз өнөрүнүн кунар, кудуретин ары ичинде сезе билген. Өзгөчө «Манас» эпосу ага аябагандай асери таасир эткен. Анткени улуттук биримдик, алда бирөөлөрдүн көзүн карабай, өзүнчө ээлик жүргүзүп, элинин элдик тамга, таламын коргоо идеясы мына ошол «Манаста» эмеспи. Дегеле Балыкооздой баар төгүм ырчы, акыл-нускалуу адам – кайда, кимге болбосун керек да. Уламышка кайрылсак: Байтик бир гана ошо, бир эсе кыяматтык кыйышпас досу, кеңешчиси, бир эсе бир тууган агасындай көргөн Балыкоозго акарат айтуу мындай турсун, каадасынча кабак алдынан «кайым» карачу эмес экен. Теңир жалгам даркан таланты, бетке чаба, түз сүйлөгөн адил сөзү үчүн катуу сыйлачу экен. Өз иретинде Балыкооз да: «Мен кээде Баатырды карап, эмне үчүндүр Эр Манасты элестетип кетем» – деп, ичинен абай келме келтирип ийчү дешет. Арийне, антип айтса айткан чыгар. Жаратылышында элестүүлүк, эпитеттерге жакын адам да, акын да. Анан калса, Байтик өзү калбаат мүнөз, башкаларга окшобогон олбур, ары айбаты айбар – сүрдүү киши турбайбы.
Байтик баатырдын өмүр жолу, өтөгөн иши өзүнчө бир тарых. Элибиздин XIX кылымдагы ал-абалы, ич арадагы карама-каршылык, талапташ тайпалар менен болгон алака, карым-катнаштын тарыхы. Андыктан ал кишинин инсандыгына баа берүүдө биз алгач ирет Россия империясы, Кокон хандыгы, алардын геосаясий алкагында турган региондордогу коомдук кыймыл, жаңы аймак, жаңы рынок үчүн жүрүп жаткан тымызын, ары айыгышкан ачык айкаш, анын бизге тийгизген таасирин көңүлгө алуубуз абзел. Жашоодо акыйкат, адилеттиктен артык не болмок.
Биз ошону бийик тутуубуз керек…
Байтик баатыр – эң алды эл камын көрүп, анын арнамыс, алдыга койгон асыл мураты үчүн күрөшкөн, келечекке кенен караган, өз заманынын орошон уулу, залкар инсан.
Өскөн ДАНИКЕЕВ
МАМЫР БААТЫР
Тарыхый жазмаларга караганда Мамыр 1838-жылы туулуп, 1876-жылы, дагы бир кабарда 1881-жылы дүйнөдөн кайткан. Атасы Мерген бай жашаган киши болуптур. Балалык кездери жөнүндө жазылып же айтылып калган так маалымат жок. Ал 1873– 1876-жылдары Кокон хандыгына каршы Түштүк Кыргызстанда чыккан көтөрүлүштөрдүн эң алгачкы ячейкаларын уюштуруп, андан кийинки зор көтөрүлүштөрдү жетектегендердин бири жана өмүрүнүн аягына чейин өз элин текөөрлүүгө тептирбей, тырмактууга алдырбай, алардын эркиндиги үчүн күрөшүп өткөн инсан болгон.
Атасы Мерген ары-бери көчүп-конуп жүргөндө Колот деген жерге (Азыр Кайырма кыштагына кошулуп кеткен) отурукташкысы келип жүрчү экен. Бир күнү АйгырЖалдын белинде туруп, Колотту көрсөтүп: «Ушул жерге жай салдырам» – дептир. Кийин Анжияндан келген өзбек устага үй салдырып, бак тиктириптир. Ошол чөлкөмдөгү теректер Мергендин алгач эккен эки терегинен тараган деп айтышат. Мындан эки кылым мурда эгилген эки терек көбөйүп, эскилери кыйылбагандыктан асмандап өсүп, жооноюп отурган. Ошол теректерге илегилектер уя салып, балапан чыгарышчу экен.
Мамырдын атасы Мерген өзбек устасы өлгөндө, ошол өзү өздөштүрүп, там салып, бак эккен Колот деген жердин дөңсөөсүнө сөөгүн койдуруп, өзү каза болгондо да ушул устанын жанына коюуну өтүнгөн дешет, урпактары Мергендин керээзин аткарышыптыр. Ошол Мергенден Мамыр баатыр. Мамырдан тарагандар азыр бир топ. Мамырдын Карача, Досмат, Молдобай деген балдары болот.
Эми Мамыр ким болгон? Эмне иш аткарган? Ушундай суроолорго жооп берүүгө аракеттенип көрөлү.
Кокон хандыгын Кудаяр хан бийлеп турганда Түштүк кыргыздардын башына аябагандай оор күндөр түшкөн. Элге салган салыктын саны арифметикалык эмес, геометриялык жол менен өсүп отурган. Кудаяр хандын желдеттери эл колундагыларды шыпырып алганга алымсынбай, өңдүү-түстүү кыз-келиндерди чогултуп кетип турган. Ал жөнүндө тарых барактарында, элдик оозеки чыгармаларда, жазма адабий эстеликтерде, эл оозунда айтылып келет. Ишеничтүү болуш үчүн айрым фактыларды окуп көрөлү.
«Тегереги кыргыздын Темирден тарткан тор болду.
Түшкөн жери кыргыздын
Кырк кулач терең ор болду. Кокондуктун бийлиги Маңдайга бүткөн шор болду.
Тартып алды кокондук
Беш көкүлдүү кыздарды…
(Академиянын кол жазмалар фондусу. Инв. № 363. «Отражение ига кокандских ханов в народных стихах» деген жазмадан).
«Калың элди күйгүзүп,
Хандардай кордук ким кылган? Короосу менен кой алып, Залимден таап бий кылган. «Калкты талап жесек» деп, Туш-тараптан умтулган. Талаада жүргөн айбандай Кырк аялга эр болгон.
Аялдар ыйлап зыркырап.
Көзүнүн жашы көл болгон».
(Барпынын «Заалим хандар азабы» деген ырынан). Мындай айбандык, жырткычтык зомбулуктун казак элине да тийгендигин төмөнкү ыр саптарынан көрсө болот:
«Акими жок казакка
Теңдик жок деп ойлайды.
Алса малга тоймайды.
Биз жыласак ойнайды. Эл ичинде ажарлы Кыз-катынды коймайды. Жаксыларды согеди, Ат үстүнен тебеди».
(XIX кылымдагы казак акыны Жанкиси Бинин «Кокон ханына айтканы» деген ырынан).
Кокон хандыгынын салыктын санын көбөйткөнүнүн себептерин жана азаптарын Кыяс Молдокасымовдун «Искак Молдо – Кокондун акыркы ханы» деген макаласынан үзүндү окуп көрсөк жетиштүү болот: «Бөксөргөн казынасын толтуруу максатында Кудаяр хан салыктардын түрлөрүн көбөйтөт. Мурда катчылык милдетин аткарып келген тажик Иса салыктардын түрлөрүн ойлоп таап берип турганы үчүн Иса Олуя аталып, Кудаяр хандын эң жакын кишиси болуп калган. Анын ойлоп тапкан салыктарынын түрү эле 18ден ашкан… Жашоодогу бардык нерселерден салык жыйналарын көргөн падышалык изилдөөчү А.Л.Кун: «Дем алгандыгы үчүн жалгыз гана абадан салык жыйналбаса, калгандардын бардыгына салык салынат экен» – деп жазат. Ал эми Орусиянын «Новое время» гезити 1882-жылы хандыктын акыркы мезгилинде алык-салыктардын түрлөрүнүн көбөйгөнүн, аларды ойлоп тапкан Иса Олуя эң акырында Дивандын салтанаттуу жыйынында: «Мындан ары эркектер өздөрүнүн аялдары менен жумасына эки жолу гана кошулушсун. Бул мыйзамды бузгандарга атайын салык салынсын» – деп айтканын келтирет. Кудаяр хандын мындай жосунсуз жоруктары, ач көздүгүнүн чегине жетиши элдердин нааразычылыгын дагы күчөтөт. Булардын бардыгы топтолуп отуруп 1873жылы көтөрүлүштүн башталышына алып келди. («Заман Кыргызстан», 1994. 11-ноябрь.)
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, дем алгандыгы үчүн жалгыз гана абадан башканын баарынан салык алып аткан кокондуктардын эзүүсүнө чыдабаган эл ага каршы ар кандай аракетке барар абалда турганда, аны жетектөөчү түшүнүгү кең, эрки бек жана өлүмдөн коркпогон бир баатыр керек эле. Муну түшүнгөн Мамыр баатыр элге кайрылып: «Эгер мага ишенсеңер жана ар кандай кыяматкайымдын тозогу башка түшсө дагы көздөгөн максаттан бет бурбай, колдоп тура турган болсоңор, көтө рүлүштү жетектеп берейин» – дептир. Ошол күндөн баштап эң алгач өзүнүн уруулаш мундуз дыйкандарын чогултуп, элдик улуу ишке киришкен экен. Анын колун негизинен дыйкандар түзүптүр, ошондон улам го Кабулда жарадар болуп жаткан Абдылдабек арман ырында бардыгынан өзгөчөлөп:
«Баатыр Мамыр уккан жок, Орокчусун чогултуп, Жан-жабыла кирген жок. Казаттын четин билген жок» –
деп, кошуну орокчулардан турарын белгилеп атпайбы. Абдылдабектин орус баскынчыларына каршы акыркы урушунда Мамыр Токмок уездине караштуу Капка деген жерде, ошол эле орустардын колуна түшүп, бул Абдылдабектин акыркы салгылышынан кабарсыз бойдон жаткан эле. Мамыр баатыр жетектеген көтөрүлүшкө орокчу-дыйкандар менен бирге ага катышкан мундуз, кутчу (кушчу), багыш, базыс, карабагыш, каман ж.б. уруулардын башчылары, бий, болуштарынын баары биргелеше чыкканын, Мамырдын үй-бүлөсү жөнүндөгү кабарды жана анын көтөрүлүштөгү каармандыктары туурасындагы кабарды К.Молдокасымовдун дагы эле жогоруда аталган макаласынан окуп көрсөк болот: «Мамыр Мергенов жетекчилик кылган кыргыздардын эки жолку көтөрүлүшү Кудаяр хандын шаштысын кетирген. Алар салык жыйнаган хандын аскерлерин өлтүрүп, алар жыйнаган байлыкты тартып алышат да, Жалал-Абад менен Ханабатка жүрүш жасашат. Көтөрүлүштү басуу үчүн Кудаяр хан өзү баш болуп Анжиянга чейин келип, ал жерден жиберилген жазалоочу аскерлер көтөрүлүштү зорго басышат. Мамыр качып кетүүгө үлгүрөт. Мамыр Мерген уулун кармоо үчүн Кудаяр хан экинчи жолу Маргалаңдын беги, бир тууган иниси Султанмуратты баш кылып жөнөтөт. Бирок бул жазалоочу аскерлер да Мамырды кармай албай, учураган кыргыз айылдарын талап-тоноо, жазалоо менен кайтышат. Көпчү лүк кыргыз бийлери жазалоодон сактанышып, айылдары менен Жети-Суу облусундагы кыргыздардын жерлерине көчүп кетишет. 800 түтүндөн ашык качып өтүшкөн уруулардын жана бийлердин аттары 1873-жылы 5-ноябрдагы Кудаяр хандын Колпаковскийге жазган өтүнүч катында даана көргөзгөн. Алар: 1. Баймуңдуз уругунун бийлери: Осмон бий, Жолборс бий Шахмурза уулу, Бердигул бий, Жардыкул бий, Жайчы бий, Нияз бий; 2. Ойсурак уругунан: Рахмат бий, Бала бий Эсенбай уулу; 3. Баглан уругунан:
Сеид бий, Сарык Күчүк бий; 4.Керки тамгадан: Молдо Халиф бий, Мутун бий; 5. Кушчу уругунан: Биймурза бий; 6. Каман уругунан: Жусуп бий Абдулла уулу; 7. Кыргыз-кыпчак уругунан: Мусулманкул бий менен Алымкул бий; 8. Карабагыш уругунан: Молдо Эсенбай бий менен Апан байдын эли. Мындан сырткары мундуз, кушчу, базыс жана адигине урууларынан да көпчүлүк эл Токмок үйөзүнүн жерине көчүп кетишкени маалым. Ал эми көтөрүлүштүн башында турган Мамыр Мерген уулунун аты бул бийлердин арасында кездешпейт. Мындан биз анын катардагы эле кыргыз үй-бүлөсүнөн чыкканын көрөбүз. Анын өзүнүн билдиргени боюнча уруусу мундуз, уругу утемис (өтүмүш) болгон. Көтөрүлүшкө чейин ал Бердигул бий Рыспай уулунун карамагында (жогорудагы тизмеде учурайт) жашаган. Карыган апасы, Тынай, Жанай, Малдыбай жана Меңдибай деген бир туугандары, эки аялы болгон.
Көчүп жүргөн жери катары Базар-Коргон, АйгырЖал, Кара-Үңкүр суусунун бойлору көргөзүлгөн. Ошол эле жылы Мамырдын жетекчилиги астында Өзгөндө ири көтөрүлүш болуп, аны Шахрихандын (Шааркан – О.С.) беги Иса Олуя менен Калназар түрк башчылык кылган жазалоочу аскерлер басышат. Мамыр Мерген уулу 1874жылы да ири көтөрүлүштөрдүн башында туруп, 15-июлда Нарын аскер начальниги тарабынан жиберилген 50 казак жана 20 жөө солдаттардын курчоосунда калып колго түшүрүлөт да, Токмок үйөз начальнигине жөнөтүлөт. Андан ал Лепсин үйөзүнүн карамагында 1876-жылдын аягына чейин камакта жүрөт».
Кыяс Молдокасымов дыкаттык менен изилдеп чыгып жарыялаган Мамыр баатыр туурасындагы факты материалдарга кошумча иретинде «Кыргыз ССРинин тарыхында» жазылган айрым материалдарды да айта кетсек болот. Анда ошол Ханабатта кокондуктардын аябай куралданган аскерлеринен жеңилгенден кийин, жазалоочу отряддан качкан 1700 түтүн көтөрүлүшчүлөр Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо сыяктуу тоолуу райондорго качып кетишкени билдирилет. Бул жерлер Россия империясынын составындагы Жети-Суу областынын Токмок уездине карачу экен. Россия империясынын вассалына айланып калган Кокон хандыгы Түндүккө качкан көтөр үлүшчүлөрдү Токмок уездинен сурап алып аябай кыйнайт, андан жабырланган эл Кетмен-Төбө, Токмокко карай кайра качышат. Мамыр баатыр өтө ишеничтүү 100 кишиси (аскери) менен кыштап чыгыш үчүн тоо арасына кирип, андан ары жардам болобу деген ниетте, Кашкар кыргыздарына чейин барат.
1874-жылы май айында Кара-Кулжа тарапта көчүп жүргөн кыргыздар Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги менен Кокон хандыгына каршы кайрадан көтөрүлүшкө чыгышат. Алар Базар-Коргон кыштагын ээлешип, андан аркы жерлерди басып өтүп, Анжиян шаарындагы кокондук аскерлерге чабуул коюшат. Жакшы куралданган 2000 сарбаздан турган хан аскерлери каршы келгендиктен көтөрүлүшчүлөр колго түшүп, көптөгөн мал-мүлкүнөн ажырашат. Мамыр баатыр Капка деген өзөнгө киргенде хан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча жана орус төбөлдөрү нүн козголоңу Токмок уездине да жайылып кетпесин деген чочулоосунан улам, Кудаяр хандын Мамырды кармап берсең, бүт хандыгым менен сен жакка өтөм деген убада сөзүнөн улам, Токмок уездинин начальниги тарабынан 1874-жылы 15-июлда Мамыр кармалып, Лепсин станциясына жөнөтүлөт. Ошондон нары орус баскынчыларынын колу менен, бир кабарда 1876-жылы, дагы бир кабарда 1881-жылы Анжиян шаарында даргага асылып өлтүрүлөт.
Кээ бирлердин айтуусуна жана санжыра сөздөргө караганда көтөрүлүштүн башында эле Мамыр менен Искак Молдо (Полот хан) үзөңгүлөш болушуп, эл мүдөөсүн аткарууга чогуу аттанышкан экен. Искак Молдо ошо чактарда Мамыр баатырдын жанжигити жана кеңешчииниси катары бирге согушуп жүрүптүр. Демек, эки баатырдын ымаласы болбосо, небере-чеберелери бирин бири кайдан билсин. Мамыр баатыр менен атактуу Абдылдабек баатырдын бирге аракеттенип, бири-бирине ишеничтүү көтөрүлүш башчылары болгондугун көп эскерүүлөр ынанымды далилдейт.
Базар-Коргон аймагы, анда жашаган уруулар анын Мамыр сыяктуу баатырлары негедир Абдылдабек, Искак Молдо, Молдо Нияз ж.б. атактуу адамдарга белгилүү гана болбостон, жашоо-турмуштарына да байланыштуу, аралаш-ирегелеш болгондой көрүнөт. Мунун кандай сыры бар экени белгисиз, мүмкүн, Мамыр баатыр сыяктуу сөзүнө туруктуу инсандардын шарапатынан болгондур. Мүмкүн, «Коога чыкса мундуздан, оомат кетет кыргыздан» деген макал да ошол Мамыр баштаган көтөрүлүштөй чоң алааматтардын биринин негизинде чыккандыр.
Кечээки жыйырманчы жылдарда эле Жаныбек казы наа мы бүткүл кыргызга белгилүү болгон. Советтик түзүлүштөн, орус куугунунан качып Кытайга өтүп кеткен Жаныбек казы чет элге кетип баратканда ач белде калган балдарына негедир базар-коргондук туугандарга барып баш калкалагыла дегендей сөз айткан экен. Тарыхчыокумуштуу Кыяс Молдокасымов Жаныбек казынын уулу Маматибраим аксакал менен жүргүзгөн «Жаныбек казынын керээзи» деген аңгемесинде Маматибраим аксакал балалыгын мындайча эске салыптыр: «Төрабай акем бизге Базар-Коргондогу туугандарга барып баш калкалагыла дейт, эки үкөм болсо кичине…» Бул үзүн дүгө караганда Жаныбек казынын мүмкүн, Базар-Коргондо ишеничтүү кишиси бардыр. Кантсе да, Жаныбек казынын байланыш багыттарынын бир учу Базар-Коргонго барып такалып атат. Мүмкүн, Мамырдын мезгилинде Жаныбек казы да ошолордун таалимин алгандыр, бирге согушкандыр, ошол жактан тууган-туушкан же куда-сөөк тапкандыр…
Мамыр Мерген уулунун Кокон хандыгына эң биринчилерден болуп каршылык көрсөтүп жана менменсинген колун талкалап жибергени бардык жерде дүң болуп, тарыхтарга жазылып, элдик чыгармаларда легенда катары айтылып калыптыр. Аны «Абдылдабектин арманынан», «Кокон хандыгынын элдик ырларда чагылышы» деген ырлардан көрүүгө болот. Анда «Кокон хандыгынын элдик ырларда чагылышы» дегенден да эки түрмөк окуй кетели:
«Соодагер минди эшекти,
Солкулдатып кыз алып,
Сонунду башка келтирди, Кокондук таап эсепти.
Мундуз Мамыр Коконго
Каршылык кылды ошондо.
Букарлыктын амири Коконго жардам бергени. Каршылык кылган эрендер, Кыяматты көргөнү».
Негизинен, Түндүк кыргыздардын тарыхын жазган Белек Солтоноев да «Кызыл кыргыз тарыхы» деген белгилүү эмгегинде Мамыр баатырды бир нече жолу эскерген, бирок бардыгында тең Мамырдын көтөрүлүштү жетектегендигин, хан колу менен 2–3 жолу беттешкенин, жеңгенин жана жеңилгенин айт пайт, «Кудаяр хан кыштакты аёосуз кырдырган. Ушул себептен Мамыр «Кудаяр ханга карабаймын» деп качып келип Кетмен-Төбөгө кыштап кеткен, «Балбай, Мамыр, Маймыл, Адилди өлтүргөндүгү үчүн эл колонизаторго (орус баскынчыларына – О. С.) кек сактап калган» (93-бет), Мамыр Мерген (уулун) колонизаторлор 1881-жылында Анжиянда дарга тарткан үчүн кедей чарбалар кек алып калган» (93-бет). «Колонизаторлор карабаганды согуш менен караткан. Карабаймын деп Мамыр Мергенов баш тартып качып калган» (70-бет) дегендей гана учкай кабарларды эмгегинин бир нече беттеринде эскерип кеткен. Мунун себеби Солтоноев Түштүк кыргыздарда болбогондугуна жана тарыхын билбегендигине байланыштуу десек туура болот. Түштүк кыргыздардын тарыхы Б. Солтоноевдин тушунда гана эмес, алиге дейре такталып, иликтенип чыгарылбаганына өзүбүз күбө болуп жүрбөйбүзбү.
Мамыр баатырда жетекчилик, уюштуруучулук, баатырдык менен бирге комузчулук өнөр да болуптур. Ал жөнүндө Ч. Болсуналиев деген тянь-шандык адам «Бишкек шамы» (15.03.1991) газетасына «Мамырдын күүсү» деген макала жазып, анда «Мамырдын күүсүн» 1936жылы Аксайдын Мүдүрүм жайлоосунда Дөөлөткелди уулу Жумадилдин, согуш мезгилинде Өмүр уулу Асанаалынын, анан Дүйшөн, Өмүрбаев Садык дегендердин черткенин укканын айтып келип, күүнүн жаралыш баян ын мындайча түшүндүргөнү бар: «Эми күү тарыхы мындай: Анжияндык кыргыздар Кокон хандыгынын бийлигине каршы көтөрүлгөндө Мамыр баатыр алардын кол башчысы болгон экен.
Тоолуктарды өтө тукулжуратканы, алардын кыздарын ордонун кызжатного (гаремге) тартып кетип жаткандыгы болот. Сулуунун сулуусун, мүчөсү келишкенин алып кетип турушат.
Каршылашкан кыргыздар Кудаяр хандын аскерлерине туруштук бере албай, Токмокко качып келишет. Элдин аксакалдары орус бийлик ээлерине арага түшүшөт. Токмоктун үйөзү ойлонуп, байкайын деп убакыт созуп, Түркстан губернаторуна кагаз жөнөтөт. Так ошол мезгилде губернаторго Кудаяр хан да кат жазып, бир шарты аткарылса баш иерин билдирет. Ал шарты – Мамыр баатырды тирүү кармап же кесилген башын берүү экен. Хан: «Алымбек датканын уулдарынын ишеничтүү жардамчысы Мамыр баатыр мен түгүл силерге да кызык көрсөтөрү бышык» – деп жазат.
Түркстан губернатору акыры бир хандык үчүн бир адамды кыят. Мамыр баатырды кармап берүүгө Токмок үйөзүнө буйрук берет. Орус аскерлери Мамыр баатырды кармап, ага чындыгын айтышат. Ошондо баатыр эл менен коштошуп, күү черткен экен. Ошол күү эмдигиче «Мамырдын күүсү» деп чертилип жүрөт».
Бул армандуу күүнүн ичинде Мамыр баатырдын элге жетпей калган көптөгөн арман-керээздери кеткен экен го. Аны Мамырдын басып өткөн жолу далилдеп турат: Кудаяр хандын залымдыгына чыдабаган элдин көтөрүлүшүнө чын дилинен жетекчилик кылып, өмүрүн сайып чыккан. Кокондуктардан жеңилип баратканда көтөрүлүшчү элин Түндүккө ала качып, ушул азаптан кутултуп иер бекен деген ниетте орус падышачылыгына ишенип кайрылды. Орус колонизаторлорунун жылуу-жумшак сүйлөгөн, аяр, кытмыр мамилелерин өзү колго түшкөндө түшүнүп, алар өз кызыкчылыктары үчүн бир гана Мамырды эмес, көптөгөн элдерди Орол тоосунан Чукоткага, Түндүк муз океанынан Памирге чейин тепсеп, таптап кетээрин сезип, ичинен кайрып, элим алданганын түшүнөр бекен деген ниетте комуздун күүсүнө салган тура. Мамыр баатыр жөнүндө сөздөр ушундай…
Омор СООРОНОВ
МАНАСЧЫЛАР
Манасчы – «Манас» эпосун аткаруучу, айтуучу адам. Манасчы адабияттык термин маанисине ээ болуп, түпкү маа ниси бүгүнкү фольклористикадагы түшүнүккө караганда алда канча кеңири. Улуу эпос «Манасты» жараткан, укумдан-тукумга өткөрүп оозеки сактаган, мазмунун байытып, аны азыркы көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген көркөм сөз чеберлеринин өзүнчө тобун билдирет.
Мурда бир наам болуп аталганы менен «ырчыны» азыр «манасчы» дешке болбойт. Ырчынын жеке каалоосунан башка да табигый шыктын – эпикалык чыгарма жаратуу жөндөмүнүн болушу чечүүчү мааниге ээ.
Эл ичинде эпостун айтуучуларын эки топко бөлүп, аларга карата «манасчылар» жана «семетейчилер» деген терминдер колдонулат. «Манасчы» деген наам, адатта, чыгарманын биринчи бөлүмү «Манасты» же жомоктун негизги үч бөлүмүн тең («Манас», «Семетей», «Сейтек») айткан адамдарга ыйгарылат. Эпостун экинчи бөлүгү «Семетейди», кээде «Сейтекти» да кошо аткарган адамдар «семетейчи» делет.
Манасчылык эпостун салттык өзөк окуяларын, алардын өнүгүү жолун, анын көркөм ык, каражаттарын терең өздөш түрүү менен аларды кеңири пайдаланууну талап кылат. Ар бир манасчынын чыгармасы – ал жараткан вариант салттык көрүнүштөрдөн жана анын жеке табылгаларынан турат. Алардын биринен экинчисин бөлүп же арасына чек коюп кароого болбойт. Эпостун салттык белгилери эң алды манасчынын чыгармачыл кудуретине, жөндөмүнө ылайык анын жеке табылгалары менен жуурулушуп келип, ошол манасчыга гана таандык ыкмада баяндалат. Ушундай чыгармачыл процесстин натыйжасында бир эле чыгарманын түрдүү варианттары – бир мазмундагы, бир эле темага арналып, бир идеяны баяндаган, бирок даана көрүнүп турган айырмачылыктарга ээ чыгармалар жаралат. Ар бир манасчынын кадыр-баркы анын салттык белгилерди канчалык деңгээлде так аткаргандыгына жана орду менен колдоно алгандыгына жараша баалангандыгы манасчылык өнөрдөгү салттуулуктун ролунун күбөсү.
Ар бир талапкер манасчы болуп чыкканга чейин ата йын даярдыктан өтүшү – алардын ар биринин өмүр жолунан даана көрүнүп турган жалпыга белгилүү факт.
Манасчылык өнөрдүн эң жогорку чеги чоң манасчы же чоң жомокчу болуу. Мындай наам айтуучулардын чанда бирөөнө гана ыйгарылат. Зор таланттуу, эпостун өсүп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон, жогорку көрк өмдүктөгү вариант жараткан, чыгарманын бардык окуял арын баштан-аяк ирети менен толук жана кеңири планда айткан, өз өнөрүнүн күчү менен эл арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон манасчылар гана «чоң манасчы» деген атайын урмат көрсөтүүнү билдирген наам менен аталышат. Чоң манасчылар айтуучулар ичинде сан жагынан эң аз топ. Бирок «Манас» эпосу түзүлө баштагандан бүгүнкү күндөгү деңгээлине жеткенге чейинки өнүгүш жолунда, анын варианттарынын жаралышында чоң манасчылардын ойногон ролу, тийгизген таасири бөтөнчө зор. Эпостун негизин түзгөн да жана анын өсүп-өнүгүшүнүн багытын белгилеген да чын-чынында ушулар. Чоң манасчылар түзгөн вариант, адатта көптөгөн манасчылар үчүн үлгү болуп кызмат кылат, б.а., ар бир чыныгы манасчы түзгөн жаңы вариантка бул же тигил чоң манасчы жараткан вариант негиз болуп берет. Мындай үлгү вариантты жараткан чоң манасчылар манасчылык өнөрдүн өзүнчө мектебин (школасын) түзгөн айтуучу катары саналат. Бирок ар бир чоң манасчы сөзсүз эле өзүнчө мектептин түзүүчүсү болууга тийиш деп түшүнүү да жарабайт. Айтуучулук мектеп түзүү – чоң манасчылык деңгээл ден да жогору турган сейрек белги. Манасчылык кесиптеги атайын мектептер жөнүндөгү маселе манастаануу илиминин орчундуу проблемаларынын бири. Жеке эле манасчылык өнөр, анын өзгөчө белгилери гана эмес, эпостун варианттары, алардын мүнөзү, айырмачылыктары, эпоско байланыштуу бир катар маанилүү маселелер манасчылар мектептерине байланыштуу чечилет.
Чоң манасчылар менен чыныгы манасчылар чыгармачылыгында принципиалдуу чоң айырмачылыктар жок. Тескерисинче, бири-бирине жакын, окшош. Бул эки топтун өкүлдөрүнүн айырмачылыгы айтуучулардын жеке сапатына – талантынын деңгээлине, табигый жөндөм-шыгына байланышкан. Чоң манасчылардын варианттары башка топтогу манасчылардыкынан окуяларынын кенендиги, мазмунунун байлыгы, көркөмдүк деңгээлинин өзгөчө жогорулугу менен айырмаланат.
Чоң манасчылардын варианттары башка айтуучулар үчүн өз варианттарын түзүүдө негиз болуп, эл ичинде бөлөк өнөр ээлерине баа берүүдө үлгү, эталон катары кызмат этет.
Ушу кезге чейин жашап өткөн көптөгөн өнөрпоздордун элдин эсинде адатта чоң жомокчулардын гана аттары сакталып калган. Чоң манасчылардын талант күчүнө, айтуучулук кудуретине тен берүү катары алар айткан «Манастын» окуяларынын бүтпөстүгү, айтып аягына чыга албоо жөнүндө көптөгөн аңыз сөздөр айтылат.
Манасчылык кесип качантан бери келе жатканын так айтуу кыйын. Эң биринчи манасчы жөнүндө да илимде такталган маалымат жок. Кыргыздарда кеңири таралган уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири – Ырчыуул. Анын чоролор арасындагы өнөрү – ырчылык. Манас баатыр өлгөндө анын тирүүсүндө иштеген эрдиктерин Ырчыуул кошок кылып кошкон экен. Ошол кошок түрүндө айтылып жүргөн ырларды кийин Токтогул ырчы бириктирип бир чыгарма – «Манасты» жараткан экен делет. Белгилүү адамдын көзү өткөндө анын тирүүсүндө иштеген иштери кошоктордо чагы лышы мурдатан келаткан салттык көрүнүш экендиги жана кошок түрүндөгү майда ырларды таланттуу ырчы бир сюжеттик линияга баш ийдирип, өзүнчө чыгармага айлантышы турмушта көп жолугарын эске алганда, биринчи манасчы жана эпостун жаралышы жөнүндөгү уламыштын негизинде турмуш чындыгы жатат дешке болот. Бирок, мындан «Манас» сөзсүз ушундайча пайда болгон деген корутунду чыкпайт. Анткени уламыштын маалыматы такталган илимий факт эмес, жалпылаштырылган, көркөм ой толгоонун негизинде жаралган божомол гана.
«Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген. Бул эпостун өткөн кылымда жазылып алынган жана кийин жазылган тексттерин салыштыруудан да көрүнөт. Эпостун В.В.Радлов жазып алып, 1885-ж. жарыялаган текстиндеги ар бир эпизод бүгүн бизге белгилүү манасчылар айткан варианттардагы ошол эле темадагы эпизоддордон көлөм жагынан алда канча кичине. Эң негизгиси В.В.Радлов кыргыз жергесине келгенде эл арасында өзүнчө эпос катары айтылган айрым чыгармалар ХХ кылымдын 1-жарымындагы манасчылардын варианттарына эпизод катары кирип кеткен (мис., «Жолой кан»). Мындай фактылар эпос улам кийинки муундун айтуучуларынын редакциясында кеңейип, толукталып, башка көптөгөн чыгармаларды өз мазмунуна сиңирип олтурганын айгинелейт.
Манасчылардын ичинен элдин эсинде сакталып калгандары – өткөн кылымдан бери жашагандар. Ошолордун арасынан өзгөчө даңктуусу жана белгилүүсү, жашы жагынан улуусу да – Келдибек Карбоз уулу (Келдибек). Ага удаалаш Балык, анын уулу Найманбай, Тыныбек, Чоюке ж.б. Булардан кийин көбүн советтик доордо жашаган манасчылардын тобу түзөт. Кийинки манасчыларды варианты жазылып алынган жана жазылбай калгандар деп эки топко бөлүүгө болот. Варианты жазылбай калган манасчылардын арасында Келдибек, Балык, Акылбек, Чоңбаш (Нармантай) сыяктуу негизинен өткөн кылымда жашаган манасчылар эле эмес, Тыныбек, Чоюке сыяктуу ХХ кылымды көргөн адамдар да бар. Ырас, Тыныбектен жазылып алынган «Семетейден» чакан үзүндү элеби же башка дагы болгонбу деген суроого бүгүн да манастаануу илиминде жооп жок.
Кыргыз рухунун туу чокусу – «Манас» эпосун манасчылардын көптөгөн муундары жаратып жана ушул деңгээлге жеткирген. Бул зор маанилүү иште ар бир Манасчынын өзүнчө салымы бар.
«Манас» энциклопедиясынан
ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ
Жайсаң ырчынын качан туулуп, качан өлгөндүгү жөнүндө тарыхта так маалымат жок. Ага карап, Жайсаң ырчы тарыхта болгон эмес деп корутунду жасап коюуга да акыбыз жок. Анткени Жайсаң жөнүндө элдик уламыштарда, санжыраларда кеңири айтылат. Ал түгүл «Манасты» биринчи айткан ырчы катары, Сагынбай манасчы Жайсаң ырчыны эскерип отурат. Бирок Сагынбай айткан Жайсаң ырчы, ырдын жалпы мазмунуна караганда, калмактын ырчысы катары көрүнөт. Муну далилдөө үчүн ырдын текстине кайрылалык:
Алиги көргөн Кайып, Кыз берүүгө камданган.
Уугун күмүш суулатып,
Керегенин порумун, Кандай уста кылган деп, Көргөн жанга суратып.
Ак манат менен жаптырып, Керегенин кобулун,
Алтындан нагыш чаптырып. Ичин кызыл сырдаган, Чийин жибек чырмаган.
Салтанатын көргөндө,
Жайсаң ырчы дегени, Жалаң үйдүн порумун, Жарым күнчө ырдаган.
Ак ордо үйүн көтөртүп, Атилес, шайы дүрүйө,
Алар да өттү жалгандан.
Ошентип, мында Жайсаң Кайыпдаңдын ырчысы катары көрүнөт. Ал эми Кайыпдаң болсо, калмактын ханы, Манас аялдыкка алган Карабөрктүн атасы. Бирок буга карап Жайсаң ырчы кыргыздарда болгон эмес деп да кесе айтал байбыз. Анткени Манасты айтуучу акындар, көп убактарда турмуштагы тарыхый адамдарды ошол боюнча эпоско алып келбейт. Алар көпчүлүк убактарда, чаташтырып колдонуп да жиберишет. Мисалы, буга «Кожожаш» эпосундагы Кожожаш мергенди алууга болот. Алымкул Үсөнбаевдин варианты боюнча Кожожаш Таластын башын жердеп турган кыргыздын кытай уруусунан чыккан. Ал эми Саякбай Каралаев, «Манас» эпосунда Кожожашты, Коңурбайдын алдындагы кытай мергени катары көрсөтөт. Ошентип, бир эле каарман бир акында кыргыз болуп катышса, экинчи жомокчуда кытай болуп чыга келген. Ушундай эле көрүнүш Жайсаң ырчы жана Карабөрк жөнүндө болгонбу деп ойлойбуз. Элдик санжыра боюнча, «Манастагы» калмак кызы болуп көрүнгөн Карабөрк, ХVI кылымдарда Илбирс хан, Жолборс хандын тушунда жашап турган кыргыздын эле кызы. Ал аябай сулуу болгондуктан, кыргыздын: Агыш, Кожош, хан Сарык деген баатыр жигиттери талаш кан. Мунун аягы, кандуу чатакка айланып кетпесин дешип, элдин суроосу боюнча, кыз кимге мис аякты сунса, ошого тийсин деген. Ошондон мындай элдик ыр калган.
Агышка келди мис аяк, Кожошко келди сыр аяк.
Кабайдын уулу хан Сарыкка Эки чети көктөлүү аяк, Эки элчиси бөксө аяк.
Ошентип, Карабөрк Агышка тийген. Ошол, Карабөрк сулуунун кийин мындай арман кылганы, элдик уламыштарда сакталып калган:
Ак такыя жаман деп,
Тыйын бөрк кийген бул башым. Хан Сарыкты жаман деп,
Агышка тийген бул башым.
Мындай уламыштар, Карабөрк сулуунун кыргыз кызы экенин далилдейт. Ал эми жомокчулар муну кийинчерээк
«Манас» эпосуна кийрип, калмактын каны Кай ыпдаңдын кызы кылып, Манаска алып беришкен. Ушул эле сыяктуу, Жайсаң ырчыны калмак ырчысы кылып көрсөтүп жиберишкен окшойт. Мындан башка, ошол эле Сагынбай Орозбаковдон жазылган «Манас» эпосунда, Алтайда турган кыргыздарды бүтүн жыйдырып кеңеш кылганда, Үмөт уулу Жайсаңды да чакыртканы ай тылат.
Кабар салды калкына
Калың кыргыз жалпыга
Үч уруу болгон казакка. Жарлыгы жалган болот деп, Калбаңар деп азапка.
Бир жумадан бир жума, Кыргызды жыйып жупжуда. Атасы Жакып кары бар, Акылмандын баары бар.
Акбалта, Ошпур даты бар, Бердике менен Дамбылда Берендердин баары бар. Байжигит баатыр дагы бар, Айдаркан, Үмөт ал да бар. Айдаркан уулу эр Көкчө Баары келген чагы бар.
Үмөт уулу Жайсаң бар.
Өлүмдөн коркпос көп жандар.
Бул келтирилген үзүндүгө караганда, Жайсаң ырчы кыргыз эле болуп турат.
Жайсаң ырчынын кыргыз экендигин Сагынбай манасчы экинчи жерде – «Чоң казатта» да эскерип отурат.
Мисалы: Кырк баатырдын баары бар, Кыраан Бакай кары бар.
Кырк жигиттин башчысы Кыргыл сындуу кары бар.
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай,
Кыргыздын беги Кутунай,
Кара Токо, Мажиги,
Камбар уулу Чалиги,
Сарт уруктун Сатыйы
Алчындардын Атайы
Үшүндөрдүн Үмөтү,
Үмөт уулу Жайсаңы
Аргын кара кожосу,
Бообек, Шаабек, Шүкүрү
Арбандардын Алтайы,
Дөрбөндөрдүн Тартайы Төлгөчү кара Төлөгү,
Өнөрү журттан бөлөгү.
Жайсаң ырчынын, эл оозунда, легендалык мүнөздөгү ылакап аты гана калбастан, айрым ырлары да сакталып калган. Ошондуктан, ошол ырлардын мазмунуна карап, ал кайсы доордо жашаганын болжолдоп тактоого болот. Кыргыздардын Түштүк Сибирде – Саян-Алт ай аймагында феодалдык мамлекетинин пайда болушу жана Орто Азиянын кеңири территориясына кучак жайышы VI–Х кылымдарга туура келет. Айрыкча, кыргыздардын 840-жылдары уйгурлардын күчтүү мамлекетин талкалашы, Орто Азияга бекем орношууга жана өздөрүнүн байыркы Мекенине биротоло көчүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Элдик санжырада, кыргызд ардын ошол учурдагы кол башчысы – Кыргызкан (мурдагы аты Адырак алгыр) Таласка жеңиш менен келишинде чоң той берип, отко табынып, кыз-келиндерин чогултуп үкү тагып, каркыранын канатын такканы айтылат. Ошол тойдо, Жайсаң ырчы бытырап кеткен көп уруунун башын кошуп, эл кылгандыгы үчүн – Кыргызканды мактап ырдаган. Элдик уламыштарга, санжырага караганда, Жайсаң ырчы кыргыз ичиндеги кушчу уруусунан чыккан. Бул кебетеси, IX кылымдын ортосуна туура келет. Ошентип, биз Жайсаң ырчы IX кыл ымдын башында туулуп, экинчи жарымында өлгөн болуу керек деп айта алабыз. Биздин бул оюбузду Жайсаң ырчынын ыры да далилдеп турат:
Кыз-келиниң кадырлап, Үкү менен сыйладың. Чачылып кеткен Усундун, Чар тарабын жыйнадың.
Айгышып келген душманды Адырдан качкан түлкүдөй, Алгырды салып кыйнадың. Түпкү атаңдын өз журтун, Түгөл алдың колуңа.
Алыстан келди көп уруу, Ак калпак сенин бооруңа. Алар дагы үн кошот, Аземдеп тарткан чооруңа. Кегиңди алдың душмандан, Кереге, уугуң бузгандан.
Айтылып калсын түбөлүк
Ак калпак кыргыз атанып Ааламга атың уккан жан.
Бул ырда, негизинен, Кыргызкандын бытыранды болуп чачылып кеткен узундардын (же усундар – З.С.) башын курап, эл кылгандыгы айтылып жатат. Кыргыздардын байыркы ата-бабалары болуп эсептелген усун дар, биздин замандын башталышынан VI кылымдарга чей ин, Жети-Суудагы эң ири уруу союздарынан болуп келген Түрк каганатынын VI кылымдагы күчтүү хандыгы түзүлгөндө, батыш түрк каганатынын составына кирип, өзүнүн мурдагы гегемониялык бийлигин жоготкон. Алар кийинчерээк кыргыз, казактын ичиндеги өзүнчө урууну түзүп калган. Айрым окумуштуулардын пикирине караганда, казактын улуу жүзүндөгү уйсундар, ошол усундардан калган болуу керек. Ал эми тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыз-казактар жалпысынан, XI– XVI кылымдарга чейин, ал түгүл XVIII кылымга чейин кыргыздар деп аталып келгенин жолуктурабыз. Азыркы учурда, кыргыз арасында жолуккан айрым уруулар, мисалы: азык, базыс, кушчулар – ошол учурда усундардын ичинде да болгон (инв. 5193, 50-бет). Ошентип, Жайсаң ырчы кыргыздардын тарыхында легендалык мүнөзгө өтүп жашап калган эң бай ыркы ырчысы, жомокчусу болуу керек деп болжолдоого болот. Ал түгүл, анын аты жалпы мааниде – ылакап түрүндө колдонулуп кетиши да, ал жөнүндөгү тарыхый маалыматтардын унутулуп кетишине байланыштуу болгон.
Сапарбек ЗАКИРОВ
БАЛЫК МАНАСЧЫ
Өз заманынын эң күчтүү манасчыларынын бири Балык (Бекмурат) Кумар уулунун качан туулуп, качан өлгөндүгү жөнүндө кийинки мезгилдерге чейин так маа лымат болгон эмес. «Манас» эпосу жана манасчылар жөнүндө бир топ илимий изилдөөлөрдү жазган Калим Рахматуллин Балык жөнүндө мындай деп жазган: «Балыктын кайсы жылы туулуп, кайсы жылы өлгөнүн азыр аныктай элекпиз. Ал Таласта туулуп, 80 жашка чыккан кезде Чүйдө өлгөн».
Калим Рахматуллин, негизинен, Ыбрай Абдрахмановдун Шапак Рысмендеевден жазып алган «Улуу манасчы Балыктын өмүр баяны» деген материалына таянган. Бирок ал, мындагы эске ала турган айрым фактыларды көз жаздымында калтырып кеткен же анчейин маани берген эмес. Ыбрай Абдрахмановго Балыктын өмүр баянын айтып берген белгилүү манасчы Шапак Рысмендеев 13–14 жаш курагында Балыктын өзүн көрүп, айткан Манасын уккан. Балык ошондо 75 жашта болгон. Дал ушул маалыматтын өзүнөн эле Балыктын качан туулганын билүүгө болот. Анткени Шапак Рысмендеевдин туулган жылы бизге белгилүү. Ал 1863-жылы Кочкор районунда Шамшы деген жерде туулган. Балык манасчыны 13–14 жаш курагында көргөн болсо 1876–1877-жылдарга туура келет. Ошол учурда Балык 75 жашта болсо 1801–1802-жылдары туулган болуп чыгат. Мындай божомолдун туу ралыгын кийинки кездерде жыйналган материалдар да далилдеп турат.
Ошентип, бул айтылган фактыларга караганда Балык Кумар уулунун туулган мезгили XVIII кылымдын акырына туура келет.
Балыктын турпатын, акындыгын 1862-жылы көргөн Султанаалы Азизберди уулу мындай дейт: «Кыска бойлуу, жоон көөдөлүү, капкара бир киши болуп, оозу балыктын оозундай болгондуктан Бекмурат атын таштап Балык деп ылакап ат коюлган. Сөзгө эң чечен, туура сөздүү, ачуу тилдүү болгон дуктан кыргыздын бүткүл акындары анын алдында кайдан кыйкым табылаар деп калтырап турушкан».
Балык эл жомокторун, ырларды, «Манасты» 13–14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап, чоң топко ырдап чыккан.
Ал жаш кезинен турмуштун оор запкысын көрүп, көрүн гөндүн жумушун кылып, Олуя-Атадагы (азыркы Жамбул) Кокон бегине малай болуп жүрөт. Кокон хандыгынын жер-жерлерге койгон бектери жергиликтүү элдерден «битир», «үшүр», «секет» деп ар түрлүү чыгымдарды жыйнап, көбүнчө мал түрүндө Коконго жөнөтүп турган. Бир жолу ошондой салыкка жыйналган койлорду айдап барууга Балыкты жумшаган. Кеңколго барганда кеч кирип кетип Манастын күмбөзүнө түнөп калышат. Балык кийин «Манасты» айтып калган себебинин эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнүн себеп кылып, көп эскерип жүргөн. Анын айтканына караганда Манас чоролору менен Балыкка жолугуп, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга бир «тору кунан берген» имиш. Албетте, бул манасчынын өзүнүн кадырын көтөрүү үчүн ойлоп тапкан окуяларынан. Андан башка мунун чыныгы себептери да болгон. «Манас» айтууга ушунчалык берилген акынга, ал түгүл Манастын болгонуна ыймандай ишенип жүргөн адамга ошол көп ойлоп жүргөнү түшүнө кириши да ыктымал. Кайсы гана манасчыны албагын, ал «түш көрүп калдым» деген күндө да бирөөдөн угуп, үйрөнгөн болот. Ошол жаш кезегинде уккан укмуштуу жомок белгилүү бир мезгилде тирүү адамдардай түшүнө кирген. Ага уккан адамдар да ишенишкен. Себеби эки ооз ырды жаттап айтуу укмуштай сезилген, ал түгүл анча ырды жаттап алдым дегенге эч ким ишенбейт да эле. Бул «Манастын», манасчылардын тегерегинде касиет түүлүктү пайда кылган. Бул жөнүндө Балыктын Тур гун бек санжырачынын атасына айткан эскерүүсү да буга сонун далил: «Бир күнү Азирет Аалынын тукумумун деп, бала кези экен, Азизкожо эшен келди. Кан Ажыбек: «Балык балам, ырдап бер эшенге, Оторкандан баштап – деди, «Манаска» чейин соктуруп, жогорку ырларды айтып, «Манаска» келип, «Манасты» айтып, эшендерди кошо айтып, Айкожом деп Манаска кошуп, мусулман дини макталат эмеспи, кожом мурунку күнү, куту кошулган ырларды, хандарды жакшы укпай отурду эле кийинки мусулман дини киргендеги хандарды айтканда абдан кулагын салып укту». Дал ошол учурдан баштап Балык «Манаска» ислам дининен көбүрөөк кошуп айтып калганын мойнуна алат. Анткени Балыктын өзү да динге ишенген, дүйнөнү түшүнүү дал ошол ислам дини негизинде болгон. Бирок Балыктын ушул айтканына караганда «Манастын» негизги сюжетинде дин анча роль ойнобогону, ал ислам дининен мурда эле калыптанып калганы байкалат. Балык мурда «Манасты» айтканда «түп атасы Орозбай, анан Оторкан» деп көп аталарын санап келип андан кийин Ногой ханга келген. Булардын ортосунда толгон окуя жаткан. Ал окуялар көбүнчө кыргыз элинин санжырасына, тарыхына байланышкан. Элде айтылган ылакап сөздөрдүн мааниси, уламыштар, легендалар манасчынын негизги фактылары болгон. Мисалы, Балыктын санжыра сөздөрүнөн төмөн күлөрдү келтирсек болот:
Барсаң Оторго бар, оторчулар
Отор деген сөз Оторхан хан болгондо Отор шаарын салгандагы сөз.
Мындагы Отор шаары Чынгыз хандан мурдагы окуяларга туура келет.
Бараккан хан болгондо Он сан Бараккан болгондо…
Аты чуулу Атылахан атым чыгарам дегенде:
Кырым хан Кырым болгондо
Рум рум болгондо
Уулу өлбөгөн румда жок
Кызы өлбөгөн Кырымда жок Өлбөй калган салтта жок.
Мындай майда ылакап сөздөрдү Балык кийинчерээк «Манас» эпосунун негизги прологуна айландырган. Ал төмөнкү эпизоддон көрүнүп турат:
Ногойлорду чакырып,
Отор шаарын алдырып,
Алоокени хан кылып,
Карач ханды өлтүрүп,
Кыпчактардын Тоокеси,
«Сарт» деп ураан чакырып, Он эки ата Угузга Ойрон салган эмеспи.
Бараккандын тукумун
Маңгыл, казак, кыргызга Бирин койбой куудуруп, Бүлүк салган эмеспи.
Эртегинин эр Шоорук
Үркөр хандын тукуму
Кең Үркенчтин ханы экен
Бараккандын тукумун
Угузду сен буздуң деп,
Тукум курут кылам деп,
Казак, кыргыз, маңгытты
Мынча неге куудуң деп,
Сарт ураанын чакырып,
Кыпчактардын Тоокесин Баарын кылган сенсиң деп.
Эртегинин эр Шоорук
Кошун жыйган эмеспи, –
сыяктуу болуп Манаска чейинки тарых улана берет. Балыктын эл оозунан жыйнаган «Манастын» ыр менен айтылган тексти жок. Бирок Алмамбеттин Көкчөгө таарынып кетип бараткан бир учурун Шапак манасчы Балыктан угуп калган экен:
Кара тоонун башында,
Кара барчын мен элем,
Кармаган ээм сен элең!
Бозой тоодон койбогон, Боз ала туйгун мен элем Болгон ээм сен элең! Боосу калды колуңа Кеттим мына жолума! Очогор кара замбирек Ойлободуң бадирек! Огу тиер өпкөңө,
Онтоор кезиң боло элек!
Бул үзүндүгө караганда «Балык манасчы «Манас» айт канда аккан суудай шар кетип, күнү-түнү айта берчү» деген эл сөзү чын сезилет. Ал эми өзүнүн айткан сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган – биринчи бөлүмдө «Манас тан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторхан» деп аталат, экинчи бөлүмү Манастын окуялары.
«Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун хан, Коёш хан, Жүгөрү хан, Үрпү хан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан ж.б. болгон. Булардан башка «Манаска» танапташ кылып «Эр Төштүк», «Кан Шырдак», кыпчактардын «Эр Табылды жалгызын», кытайлардын кыл муруттуу «Кожожашын», «Сен Сарынжы, мен Бөкөйдү» айткан.
Балыктын мезгилинде «Манасты» ушунчалык кызык кылып жана узак айткан Талас өрөөнүндө башка манасчылар, акындар болгон эмес. Казакча ырдап өлөң формасын кыргызга тараткан кара жаак Жаныш акын да, ырдаган жеринен 9 кара алмайынча кетпеген Сокур Калча да, казак акындары менен айтышып атак алган Эсенаман, Чоңду, Назар акындар «Манас» айтууну Балыктан үйрөнгөн. Балыктын өзүн көргөн жана андан үлгү алган Жаныш акындын көп ырларын жаттап калган Эркебай Бердибай уулунун эскерүүсүндө бул эң сонун айтылып отурат.
Балыктын чыгармачылыгын кылдат карап отурсак, үч түрлүү багытта өнүккөнү байкалат. Биринчи жана негизги кесиби «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда, же тар чөйрөдө санжыра (чежире) айткан.
Балык элге манасчы катары таанылган менен кези келгенде ырчылар менен айтышып акындардын айтышына түшкөн. Азыр бизге жеткен айтыштардын ичинен аксылык Алымкул жана Төрөгелдинин ырчысы Айтыке менен айтышк аны белгилүү. Ырас Балыктын бул айтыштары ошол мезгилдеги уруу түзүлүш үндөгү түшүнүктөрдөн, кордоодон чыга алган эмес. Бирок бул эки айтышта тең Балыктын жеңип чыгышы анын сөзгө чебердигин, чечендигин далилдейт.
Булардан бир үзүндү келтирели. Айтыке Балыктын жер кыдырып көчүп жүргөнүн кордоп мындай дейт:
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып, Көчкөнүңдү айтайын.
Чоңойгондо жуттуң Чомойду,
Карыганда жуттуң Канайды Кабат жуттуң солтодон,
Эшкожо менен Канайды.
Балыктын жообу:
Өлгөндүн несин кеп кылдың,
Өчкөндүн несин кеп кылдың,
Аягы Талас, башы Чүй Бирин койбой кыдырып, Көчкөндүн несин кеп кылдың. Кара сууну кыдырып, Казак көчкөн эмеспи.
Сары сууну кыдырып, Ногой көчкөн эмеспи.
Жалгыз аттуу сен тургай, Жалгыз үйлүү мен тургай, Тегиз көчкөн эмеспи.
Адатта айтышта орундуу айтылган сөз менен жеңишке жетишкен. Айтыке өлүк жөнүндө сөз кылганда да Балык: «Ажалдан адам өлбөсө, атаңдын кана атасы, энеңдин кана энеси?» – деп оозун жап кылган. Айтыш убагында ар түрдүү жолдор менен жеңишке жетишүү үчүн ар бир акын аракет кылган. Ал учурда уят сөздөрдү айтуудан тартынышкан эмес. Айрыкча Балык мындай жолду көп колдонгон.
Өз мезгилиндеги шартты эске алганда Балык көп жерди кыдырган. Ысык-Көл, Талас, Чүй, Алай, КетменТөбө, Кулжа, Нарын, Кокон, Наманган, Алматы, ОлуяАта жерлерин көрүп, көп уламаларды уккан. Уккан сөздөрү көбүнчө кыргыз санжырасына байланыштуу болуп «Манаска» негизги материал берген. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдү»– деп кийин бекеринен эскерген эмес. Бул жөнүндө бир чети манасчы, бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун Балык жөнүндөгү эскерүүсүн алсак жетиштүү болор:
Калганын тизип жамгарып, Барган сайын толуктап, Уккан адам таң калган.
Ноорустун арка жагынан
Орду менен Манасты
Улап кетти тарыхты
Өз уругу чоң чарык
Абийир тапкан Манастан Элден мурда үйрөнүп
Алып келген Таластан.
Биз ушул мезгилге чейин Балыктын «Манасты» кимден үйрөнгөнү жөнүндө сөз кылган жокпуз. Анткени аны далилдөөчү так материал жок. Балыктын өзү да
«түш көрүп айттым» дегенден башка жооп берген эмес. Ошондой болсо да Балык Манасты өзүнөн мурдагылардан укканы айдан ачык. Ага ар түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Балыктын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, Тоголок Молдонун маалыматына караганда Балык Манасты Ноорустан уккан сыяктуу. Ал ошол укканын улам кеңейтип, тереңдетип отурган. Буга анын «Оторкан» жөнүндөгү жомогу эң сонун мисал. Антк ени «Оторкан» жомогу башка манасчылардын биринде да жок. Ал биринчи кыргыз элинин санжырасын «Оторкан» деген ат менен ырга айландырып «Манастын» биринчи бөлүгү катары кийирген. Адатта санжыраны, «куйма кулактар», бош отурган аксакалдар сүрүштүрүп тар чөйрөнүн «тарыхый чыгармасына» айландырышкан. Дал ошол «тар чөйрөнүн тарыхый чыгармасын» Балык акын биринчи жолу жалпы элге түшүнүктүү, уккулуктуу формада иштеп чыккан. Балык түзгөн «ыр санжыранын» айрым үзүндүлөрү кийинки мезгилдерге чейин эл арасында айтылып жүрөт:
Башы Кызылкыя, Санташтан,
Аягы бетегелүү Койташтан,
Ак калпактуу кыргыздан
Каркыра менен моңолдон
Үч Алматы, Сартокум
Байгара менен Жамбылдан,
Ысык-Көл, Чүй, Таластык Аксы менен Чаткалдык Анжияндык, Алайлык.
Кеп мында Балык акындын ошол кара сөздүү санжыраны ырга айландырып, эң уккулуктуу, түшүнүктүү кылган чеберчилиги жөнүндө болуп жатат.
Кыргыздарда бир топ элдик поэмалар тарыхый адамдардын тагдырлары менен таламдаш айтылат. Мисалы, буларга «Жаңыл мырза», «Эр Табылды», «Шырдакбек», «Ак Мөөр», «Тайлак баатырды» кийирүүгө болот. Булардын ичинен «Шырдакбекти» Балык айтып жүргөн. Ал эми поэмадагы окуялар «Курманбекте» да, «Шырдакбекте» да калмак дооруна туура келет. Тоголок Молдонун варианты боюнча Шырдакбектин аялы күйөөсүнө чыккынчылык кылып, атактуу Боз жоргону минип, калмак кандары Чагай менен Амурсанга качып барат. Аялдын кара ниет, текебер экендигин билген Чагай эки төөгө байлап айрытып өлтүрөт. Балык манасчыда бул башкача чечилген. Шырдакбектин аялы жөнүндөгү окуя кыргыз кандарынын ортосунда эле болот.
Алтайдагы кыргыздан
Ногойкан менен Шыгайкан Көчүп келген эмеспи. Кара-Балта, Аксууга Ордо салган эмеспи.
Ичкилик кыргыз хан экен,
Кан Шырдактын катыны
Боз жоргону минип алып Ногой менен Шыгайга Качып келген эмеспи.
Ногой кандай адил кан
Жөн-жайын сурап катындан
Кан Шырдактын жазыгы
Жок экенин билген соң
Үлгү болуп калсын деп,
Өлтүргөн экен катынды,
Ногой кандай каныбыз,
Ногой канды бир убакта, Кытай, калмак кошулуп, Чаап алган эмеспи. Ногой, Шыгай каныбыз Качып кеткен эмеспи.
Балыктын варианты боюнча алганда «Шырдакбектин» окуясы калмак доорунан мурда болгону байкалат.
Балык Кумар уулу көп жылдар бою Таласта турган. Чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилинде 1840-жылдарга жакын Чүйгө келет. Чүйдө эл арасын кыдырып, «Манасты» айта берген. Манаптар отурган жерде диндик жагын күчөтүп, ал эми эл арасында мурдагы өзү айтып жүргөн «Оторкандан» баштап ырдай берген. «Оторкан» бул «Манаска» чейинки кыргыздын тарыхый, этнографиялык, фольклордук турмушун бүт кучагына алган санжыра мүнөзүндөгү чыгарма болуп эпос катары Балык тарабынан аткарылып келген. Анын айтуу манерасы, обону «Манастын» стилинде болгон.
Жоо эрендер, эрендер, Жоону жеңип куугандар, Алгыр куштай кыраандар. Угуздан чыккан берендер Кол баштаган оёндор.
Ал берендин жайын айтайын Самарканды куткарып, Отор шаарын салдырган. Угуз элин куткарган
Оторкандай берендер.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Сырдын боюн жайлаган Сыдыра бээ байлаган. Үйү сайын бозо бар, Чогулушкан жоро бар. Жоро сайын бийи бар, Чүкө салган ордо бар.
Кыргыз, кыпчак, курама Маңгыт деген эли бар
Кыргыздан чыккан беги бар.
Эпос шар аккан суудай төгүлүп узак айтылган. Мунун бүт тексти сакталган эмес. Бир гана Тургунбек санжырачынын атасы сактап калган кара сөз менен берилген мазмун бар. Ал жаңы табылды. Бирок ошол кара сөз менен берилген «Оторкандын» мазмунунан кыргыз элинин өткөндөгү турмушунун изи, эл оозеки чыгармаларынын ар түрдүү жанрлары киргени көрүнүп турат.
Балык манасчынын айтуусу боюнча Оторкандын доору биздин замандын башталышына туура келет. Балык эсине адам таң кала турган көп фактыларды, аттарды сактап калууга жөндөмдүү болгон. Бул «Оторкан» жомогунда ачык сезилип турат. Балыктын эскертүүсүнө караганда Оторкандын тушунда азыр өзүнчө улут болуп турган элдер уруу-уруу болуп жашап турган. Алардын ортосундагы чатактар, окуялар, кагылыштар «Оторкан» жомогунун негизин түзгөн. Ошону менен бирге эл оозунда айтылып жүргөн уламыштарды, жомокторду ыгы менен алмаштырып, «тарыхый чыгарманы» ого бетер көркөмдөткөн. Буга Карач жөнүндөгү жомокту айтууга болот. «Оторкан» аркылуу кыргыз элинде айтылып жүргөн бир кыйла майда лирикалык, баатырдык поэмалар да айтылган. Аларга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: «Карач, Көкүл баяны», «Кыз Мактым», «Баласагын», «Тооке кан», «Эртегинин Эр Шоорук», «Калы куту капка таш», «Жанчаркан» жомогу ж. б.
«Кыз Мактым» түштүктүк кыргыздарда эң сонун, кеңири айтылган элдик поэмалардан. Мында окуя калмак кандары менен болот. Мактымдын сулуулугуна кызыгып, көп кандар талашкан. Алдын ала жаманчылык болорун Мактым түшүндө билет:
Түндө бир жатып түш көрдүм, ака,
Түшүмдө жаман иш көрдүм, ака, Минген бир атым Телтору, ака, Ээрсиз жайдак бош көрдүм, ака. Кабак-кабак кан көрдүм, ака, Анжиян ичин чаң көрдүм, ака.
Чаңдаган туман мен көрдүм, ака. Чаңы бир тоого тең көрдүм, ака,
Каптаган туман түн көрдүм, ака, Калмактан ачуу үн көрдүм, ака,
Каякка барып күн көрдүм, ака…
Дал ушул кичине үзүндүдөн эле «Кыз Мактым» калыптанып калган, эл арасында кеңири айтылган поэма экени байкалып турат. Балык бул поэманы тарыхый факты катары ногойдун каны Кочкоркан менен байланыштырат. Мурдагы поэмадагы калмак менен кыргыз ортосундагы чатактар кыргыз кандары, уруулары ортосундагы чатакка алмаштырылат. Бирок кыз Мактымдын адамды азгырган сулуулугу, шумдуктуу кырк кулач чачы эл оозеки чыгармасындагы сүрөттөө менен сакталган.
Ошондой эле «Жанчаркан» «Оторкан» жомогунун бүтүндөй составдуу бөлүгүнө айланат. Мисалы, Кыз Мактымды алам деп жуучу жиберген кандын бири Кочкоркан Жанчаркандын баласы. Балык ошол Жанчаркандын эки баласынын бирөө Кочкоркан Отордо кандык кылып турганда Кыз Мактымды алам деп чуу салган деп эскерет. Кыскасы, Ба лык элдик көп жомокторду, поэмаларды тарыхый фактылар, окуялар менен байланыштырып өзүнчө жаңы чыгарма жараткан. Ал майда жомоктор «Оторкан» деген ат менен айтылып, кыргыз тарыхынан кабар берүүчү санжыра-поэмага айланган. Анын үзүндүлөрү кийинки мезгилге чейин эл арасында айтылып жүрөт.
Балыктын айтуусунда «Оторкандын окуясы» «Манас» сыяктуу бир баатырдын тегерегинде өнүкпөстөн айрымайрым баатырлардын тегерегинде өткөн.
Ошентип Балык манасчынын эң чоң чыгармасы «Оторкан» болгону байкалат. Бирок кийин бул унуткарылып, майда жомокторго бөлүнүп кеткен. Балык карып калган мезгилинде Таласка барган. Ал 1862-жылдарга туура келет. Анын себептери бар. XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыздардын Кокон бийлигине болгон мамилеси кескин өзгөргөн. Ага себеп кокондук деспотизм, оор чыгымдар болгон. Кыргыз эли андан кутулуу жолдорун издей башташкан. Көп кылымдардан бери мал-жаны аралаш жүргөн казак элинин орус падышачылыгына кошулушу, уруу ортосундагы чатактар бул кошулууну тездеткен. Бугу уруусунан кийин эле сарбагыш, солто уруулары орустарга өз эрки менен кошулууну туура табышкан. Дал ушул орустарга кошулууга Таластагы саруу, кушчу урууларын үгүттөш үчүн Чүй боюнд агы кыргыздардын элчиси катары Балык Кумар уулу барган. Анткени Балык Талас өрөөнүнө манасчы катары да, ырчы катары да таанымал болгон. Анын сөзүнө эл ишенген. Ушул барышында ал өткөнүн арман кылып ырдаган:
Кашка тиштен ажырап, Карыганда кез болдум. Калың эттен ажырап, Арыганда кез болдум.
Балыктын кийинки өмүрү Чүй боюнда өткөн, бирок уруучулдук намыстан кутула албай өмүрүнүн аягында сарбагыш уруусуна барып өлсөм деп көп самап жүргөн. Ошол эле максат менен 1880-жылдары Кочкорго көчүп барган. Үч жыл бою Көл, Ат-Башы, Нарынды кыдырып, аш-тойлорго ырдаган Балыктын Төрөкелдинин Айтыке деген ырчысы менен айтышы да ушул мезгилге туура келет. «Балык курч сөздүү, тайманбай сүйлөгөн адам» – деп көргөн адамдардын баары эскеришет. Ошол курч сөздүүлүгү менен кочкорлук Шамен деген манап менен катуу айтышып калат да, Чүйгө көчүп келет. Ошентип, 1887-жылы 88 жашында Чүй боюнда Арчалуу деген жерде дүйнөдөн кайтат.
Сапарбек ЗАКИРОВ
САГЫНБАЙ
Улуу манасчы Сагынбай Орозбаков саяк уруусунан, кожо эли, мойнок тукумунан болуп, түпкү аталары Жумгалды жердеген. Сагынбай Мойноктун Манас уулу деген тукумунан болот. Анын бешинчи атасы Манас деген киши болгон, Жумгалда азыр да Манас уулу деп аталган бир уруу эл бар.
Акжолдон Орозой, Акеше, эң кенжеси Козубек. Калган төртөөнүн аты белгисиз.
Курманкожо, Мойнок эли Кочкордун батыш жагында
Кызарттын алдындагы Алакөл, Бургансууда жердеп турганда Суусамырдагы Күрүчбек эли келип айылды чаап, Акжолдун аялын, жети эркек баласын мал-пулу менен олжолоп алып кетет.
Орозой Элконду деген тууганына башпааналап келсе, ал Орозойго билгизбей алдап, кашкарлык соодагерлерди Чатыр-Көлгө жеткирип кел деп жиберет. Чатыркөлгө барганда кашкарлыктар: «Элконду, сени бизге саткан, алып кетебиз»,– дешет.
Орозой кашкарлыктар уктап жатканда үчөөнү тең өлтүрүп, мал-пулун алып, Кочкордогу эжесиникине келет. Эжеси: «Эми сени бул жерге тынч койбойт, ошондуктан Ниязбектин уулу Ормонго бар»,– дейт. Орозой, эжеси айткандай, Ормонго барып жигит болот, кылган иштери жагат. Кербен төөлөр менен Кулжа, Турпан шаарл арынан курал-жарактарды: чампан, күлдүрмама мылтыктарды алып келет.
Ормон моңолдор сары Токтор менен Миназарды Кокон ханына жиберип, керней алдырат. Кернейди Ормондун жигиттеринин эч кимиси унчуктура албайт. Ошондо кернейди Орозой унчуктурат да, Ормондун көрөр көз жигити болуп калат.
Акеше олжого кеткенде эки бир туугандын колуна барат. Алар Акешеге аял алып беришет. Жанагы эки бир тууган өлгөндөн кийин алардын балдары Акешени талашат. Акеше жылкыдан келсе, айылдагы аялдар: «Акеше, сен кул турбайсыңбы, сени талашып жатышат» – дешет. Акеше бешиктеги эркек баласын мурдунан чымчып өөп, бир айгырды минет да, токтоосуз Ормонду көздөй качып жөнөйт. Ал Орозой Ормонго жигит экен дегенди угуп жүргөн эле. Ормонго келип, жөн-жайын айтат. Ормон угуп туруп: «Атың ким?» – дейт. «Атым Акеше» – дейт тигил. «Атың жаман экен, – дейт Ормон – мындан ары сенин атың Орозбак, Орозойдун иниси Орозбак болсун». Ошентип Акешенин өз аты калып, Орозбак аталып кетет.
Орозбак Ормонго жылкычы, андан соң акылынын зирек, тыңдыгынан жылкычы башы болот.
Орозой ажалы жетип өлөт, ошондо Ормондун жигиттеринин ичинен бирөө да керней тарта албай коёт. Орозойдун көзүнүн тирүү кезинде эле Орозбак керней тарта коюп жүрүп үйрөнүп алган эле. Ал чоорду да үйрөнүп алган болучу. «Кернейди канетсе Орозбак тартат» – деп Ормонго жеткиргендер болот.
Ормон Орозбакты чакыртып келип, керней тарттырып көрөт. Орозбактын керней тартканы Ормонго жа гат да, ошондон тартып Орозбак Ормонго кернейчи болуп калат.
Олжого Күрүчбек элине барган жети баланын экөө чечектен өлөт, бирөө кул болуп калып дайынсыз. Козубек бала Тогуз-Тородогу Каба элине сатылып кетип, ки йин Орозбак белгисинен таанып алат. Жоо балдарын олжолоп алып кетип жатканда, энеси Козубектин кашынын үстүнө кычкач менен тамга салганын Орозбак энесинен уккан экен.
Сагынбайдын тайы Ат-Башы азыгынан болуп, атасы, энеси экөө бир жылы өлөт.
Орозбактан эки уул, эки кыз болот. Орозбак Сагынбайга 12 жашында аял алып берет.
Сагынбай 3 аял алып, улуу аялы илгери өлөт. Сайнап деген аялынан 11 бала болуп, эки кыз, үч эркеги өлгөн, үч кызы күйөөдө, эки эркек, бир кызы колунда. (Ыбырай молдо ошол «өмүр баян» жазылган мезгилди эске алып жатат – Ред.)
Мария деген жеңе аялынан 5 баласы болгон, эки эркек, бир кызы өлгөн, эки кызы бар. Сагынбайдын улуу аялынан бир эле кызы болгон, ал да өлгөн.
Сагынбай 9–10 жашында айылда бала окуткан өзүбек молдодон 3–4 кыш окуган. Китепти окуй алганы менен жаза алчу эмес. Сагынбай кадимки Ормондун өз айылында туулуп өскөндүктөн хандардын, баатырлардын, фео далдардын сөздөрүн эң көп билүүчү эле. Сагынбай cарбагыш уруусун кыргыздын башка урууларынан түрдүү жактан жогорулук кылат деп, дайыма көтөрмөлөп сүйлөөчү экен.
Мен, Абдыракманов Ыбырайым, Сагынбайдан Манасты жазып жүргөн кезимде бир нече ирет төмөнкү окуяны укканым бар.
Сагынбай он чакты жашка келип калган убагында айылы Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Кабырга деген жерде экен.
Жайдын күнү Сагынбай тоодо козу кайтарып жүрөт. Күн жаап ачылат, бир жыгачтын түбүнө чоңдугу кептердей куш келип конот. Сагынбай кызыгып, кармап алайын деп жакындаса, куш секирип ары конот. Сагынбай: «Ка-ап, жазып калдым ээ», – дейт. Куш да капысынан: «Ка-ап, жазып калдым ээ» – деп Сагынбайдын нак өзүндөй айтат. «Кудая тобо», – дейт таң калган Сагынбай. Куш да: «Кудая тобо», – дейт.
Сагынбай кушту кармап алам деп канчалык убараланса да кармай албай, жадаганда козуларын айдап алып айылга келет. Кечинде үйдөгүлөргө куштун аңгемесин айтат. Алишер деген агасы: «Жаныңды жегир, калп айтасың» – деп урушуп коёт. Сагынбай карганса да ишенбейт.
Сагынбай кийин чоң киши болуп, Манас айтып жүргөн кезинде бир күнү Токмоктун базарына келет. Базардан: «Ташкенден бир киши сүйлөй турган тоту куш алып келиптир» деген сөз угат. Манап Сооронбайдын уулу Дүр тоту кушту көрөлү деп, Сагынбайды ээрчитип алат. Кирип барышса тоту куш Сагынбайды карап күлөт. Тоту куштун ээси: «Тоту Дүр мырзаны карап күлдү – дейт. Дүр тотунун ээсине көп акча берет. «Мен бала кезде көргөн тоту ушул болсо керек» – дейт Сагынбай.
Сагынбайдын атасы Орозбак өлүп, балдары жаш калат. Турмуштун айынан Ысык-Көлдөн ооп, Кичи-Кеминге келип туруп калышат. Сагынбай ал кезде 12–13 жашта, али «Манас» айта элек чагы болот. Ала шалбырт маал, ошол жылы чоң жут болгон экен. Сагынбай байталга минип, 3–4 терини байланып алып, Токмокко жөнөйт. Күн суук, жазгы утуру. Сагынбай Чүйдүн суусунун үстүндөгү муздан жаңы өтө берери менен «күр» деп муз түшүп кетет. Муздун алдында калбаганына тобо кылып, сапарын улап баратып: «Баарыбыз жаш болсок, эми оокатты кантип кылабыз» – деп санаага бат ат. Аңгыча артынан бир жүдөөрөөк абышка жете келет. Сагынбай салам айтат, абышка алик алат. Сагынбайдын алы-жайын, ким экендигин сурайт. Сагынбай кыскача, көңүлсүрөбөй жооп берет. «Балам, суунун музу сен өтө бергенде түшүп, аз жерден майып болуп кала жаздадың, ээ» – дейт абышка. Сагынбай дагы эле сүйүңкүрөбөйт. «Балам, сен мени сүйүң күрөбөй турасың го, кийин өкүнөрсүң, сен жаш баласың да. Эми бүгүн кимикине консоң да, сени жакшы конок кылат» – дейт абышка. Абышка менен Сагынбай кыйла жерге чейин бирге бастырып жүрүп олтурушат. Бир маалда Сагынб ай караса, жанындагы абышканын кайда кеткенинен дайын жок, эки жакта карааны да көрүн бөйт.
Сагынбай Токмоктун четине барып, бир абышканыкына келип түшөт да, терилерин калдыратып үйгө кучактай кирет. Абышка Сагынбайдын тек-жайын сурап уккандан кийин: «Балам, сен Орозбак кернейчинин уулу турбайсыңбы, сенин атаңдын жакшылыгын мен чоң көргөмүн. Орус али түшө элек убак эле. Жез чочмор Манде баатыр жылкымды алып кетип, мен жөө тентиреп артынан барганда, сенин атаң жылкымды кайта алып берген. Ал кезде жез чочмор Манде баатырдын илебине нан бышчу. Манде Ормондон башканы тушарына теңейт бекен!» – дейт. Абышка кышкы согумдун этинен аябай салып, Сагынбайды тойгузуп жаткырат. Сагынбай эртеси Токмокко келип, терилерин жакшы баага сатып, чай-чамектерин алып көңүлү ачылып, кайта үйүнө барат.
Сагынбай айтар эле: «Ошондо жолдо жолуккан абышканы мен азыр кызыр го деп ойлойм».
Сагынбай куудулдук менен жумушу жок, сөздү шашпай айткан, токтоо, эч жалган айтууну билбеген адам эле.
«Манас» жазылып жаткан кезде, Сагынбай ар түнү түш көрүп, баланча жери жаздым болуп калыптыр»,– деп кайра жаздырар эле. Алмамбеттин окуясын жазып жаткан учурда түшүнө Алмамбет кирип, эртеси: «Алмамбет кызыл чийкил жигит экен, кашы кытайча чийилген, көзү бакыракай, үстүнө кийгени ичик, кызыл аңдын териси экен, ар бир кылынын жоондугу чийдей бар. Нарындагы Бетикаранын талаасында Манастын колу Бээжинге жөнөп жатыптыр, тиккен чатырлары ак экен»,– деди. «Манастын кийген кийими: башында ак кийиз калпак, үстүндө төө боз чепкен, кыскасы, мүлдө кыргыз пормосундай эле. Аттарынын туяктары чарадай, кулактары типтик, кыйган камыш сыяктуу» – дейт.
Сагынбай «Манасты» жаздырганда тез айтып бербей, токтоп, ойлонуп олтурар эле, анткени өтө күчтүү болгондуктан камалып, буулугуп токтоп жүргөнүн мен кийин билдим.
Сагынбай эл көп чогулуп, көп берерине көзү жетсе, укмуштай кызып, төгүп айтар эле. Бир эле окуяны ар бир айткан да бир калыпта кылбай, башкача айтыш өз ыктыярында эле.
Сагынбай толугунан келген, тегерек, кызыл жүздүү, тиштери кашкайган ыраңдуу, ырдаганда тиштери кашкайып турган киши эле. Сагынбай ырдаганда үнүн ар кандай кубултуп жиберчү: көөдөнү кенен, үнү кубаттуу эле. Сагынбай «Манас» айтканда, алдына сары майды аякка куйдуруп коюп олтуруп айтар эле.
Сагынбай бир койдун этин бүт жеп, артынан бир чоң чанач кымызды же бозону бүт ичээр эле. Суу кошпогон спирттин бир нече литрин ичсе да мас болуу дегенди билбей аш кылар эле. Спиртти оозуна ууртап алып, кулкулдатып тамагына токтотуп туруп, анан жутар эле. Мен тамаша кылып: «Ээ, Саке, сиз аракты арам дейсиз, анан ичесиз, намазыңыз кандай болот?» – дегенде, Сагын бай: «Ээ, чунак бала ай, менин ичим, оозум бар, ичпесем жаман болот» – дээр эле. Сагынбай динге ар кимди көп үгүттөй турган. Анын жаштык кезиндеги эркектик маселеси да эң кыйын болуп, аял, кыз-келин маселесин кызык ай тар эле.
Сагынбай өмүр бою аш-тойдон калбай ырдап, мактап, тынымсыз алып көнгөн киши болгон. Талаада жүргөндө колунан тыйын чыгарчу эмес. Үйүндө казан-аштуу, тапканын казанына салчу.
Сагынбай «Манасты» айтып төшөлгөндөн кийин, Ан жиян, Кетмен-Төбө жакка жоголуп кетип, бир нече жылдан кийин көп мал менен келген.
Сагынбай адамды эриктирбеген укмуштай сөзмөр адам эле. Бир жыл жол жүрсө да бир айтканын кайталабай, улам жаңы кызык сөздөрдү чубап айта бере турган адам болгон.
Сагынбай жеке эле «Манас» эмес, эл ырларынын ар кандай түрлөрүн манасчалык көп билчү. Ошолордун бири да жазылбай, өзү менен кошо кетти.
Сагынбай «Манасты» кыйын айтып, жашы жыйырманын толук жерине келип калган кезинде жайлоодо бир топ киши чогулушуп, ичинде Сагынбай да бар, дөңдө турушат. Аңгыча Манастын калың колу Бээжинге бара жаткан болот. Сагынбай ошолорду таңыркап карап ка лат. Алмамбет салып уруп сарала аты менен дөңдө олтургандардын жанына келет. Сагынбай ордунан тура калат. Олтургандар: «Бул эмне шумдук болуп кетти» – де шип, элейип калышат. Сагынбай: «Алмамбет союш бергиле деп жатпайбы» – дейт. Олтурган эл орундарынан дүр коюп турушуп, бир кой алып келип: «Манас баатырдын коногу» – деп багыштап союшуп, этин жеп тарап кетишет.
Сагынбай түн ичинде бир жакка баратканда: «Тээтиги дүмүрөйгөн көп караан Манастын колу» – деп көрсөткөн учурлары көп эле болгон.
Сагынбай «Манасты» күчтүү айтып калган кезинде бир түнү уктап жатса, тыштан дүбүрт чыгат. Тыштан бирөө: «Сагынбай, тез чыга кал» – дейт. Сагынбай чыгып барат. «Мына бул чоң кула ат минген Манас баатыр, абдан таанып ал», – дейт кимдир бирөө. Сагынбай тик багып карай албай жалтанат да, көзүн жумуп жиберет. Манастын көздөрүнөн от шырылдап күйүп, түрү ажыдаардыкынан да кыйын болот.
1924-жыл, январь. Ат-Башыда Манастын Алооке хан менен болгон окуясын жазып жатабыз. Жатканыбыз бир кичинекей там. Бир жолу түн ортосуна чейин жазып олтурабыз. Мешке отун жагып берген 15 жаш чамалуу Сейитаалы деген бала бар эле, ошол баланын киргенин көрдүм. Кызуу жазып жатабыз. Бир маалд а меш калдырап калды: мен баягы бала от жагып жатат го деп ойлодум. Аңгыча Сагынбай мага: «Ээ, Ыбырайым, сен кызык жигит экенсиң, бирдемени билдиңби?» – деди. Мен: «Саке, эч нерсе билген жокмун, ал эмне экен?» – дедим. «Ай жолуң болгур, мени бөөдө кыйнамай болдуң, кайыр болбостур. Терезени калкала» – деди Сагынбай. Карасам, суудан көрүнгөн кишинин көлөкөсү сыяктуу ойноктогон жулмугуй, уйгур бөрктүү бала көрүндү.
«Бул Сагынбай эмне болуп бара жатат», – деп мен өзүм да коркуп калдым. Жатып калдык. Эртеси Саг ынбай короонун ичинде жерди каранып жүргөн экен. Мага: «Мына бул эшектин изин карачы» – деди. Ал короодо эзели эшек жок эле. Из басып тышка чыкканы билинбей, ошол короонун ичинде кардын үстүндө кал ган экен.
Ошол жылдын март айы. Баягы үйүбүздө «Манас» жазып жатабыз. Жер карарып, кар кетип калган. Түш оогон маал эле. Сагынбай мени карап алып күлүп: «Сен кимсиң?» – деди. Бетине карасам өңү тамылжып, булганып калган. Мен чочуп кетип: «Саке, эмне дейсиз?» – дедим.
Сагынбай: «Жолуң болгур, болгон экенсиң ээ» – деди. Мен чочуп кетип түйүлүп эшикке чыксам, короодо ордо атышкандардын үндөрү кулагыма угулду. Эки-жакты карасам тоо-таш, жер орду менен турат.
Үй ээси келип, аңгемеге түшүндү. Сагынбай ошол кезде үй ээсинин аялын да: «Сен кимдин аялысың?» – деген учурлары болду. Сагынбай бул кезде өтө унутчаак болуп: «Мен эмне болуп баратам?» – деп айта берүүчү. Ошол тапта Сагынбай суугуна тегеренип, тамакка түтпөй кеткен.
1926-жылы «Манасты» жазып бүтүрдүк. «Семетей» жазылбай калды, Сагынбай экөөбүз үйүбүзгө кеттик.
Сагынбай үйүнө барганда да өтө унутчаак болуп, өз аялын: «Сен кимдин аялысың? Сен кимдин аялысың?» – дей берчү экен.
Ал Манастын күмбөзүнө ак боз бээ жетелеп барып тайынсам деп жүргөнүндө өлүп калат…
Сагынбай тууралуу Шапактын айтканы: «Кара-Кужурда… 28–29-жылдын ичи эле, – дейт. – Бир тойдо эл чогулуп Шапакты «Манас» айттырып жатат. Аңгыча Сагынбай келип, тыштан тыңшап турат да, түшүп үйгө кирет. «Мен айтканды, Шапак, сен айтып жатыпсың, менин оозума такыр кирбей калды» – деп ыйлайт. Той берген киши Сагынбайга 20, Шапакка 20 сом коёт, Сагынбай акчаны албайт»…
Сагынбай айтаар эле: «Манастын күмбөзү Манас атындагы шаардын жанында болот. Манастын күмбөзү жалгыз эмес, 40 күмбөз. Жума сайын 40–50дөн мал союлуп, тайылып турат. Манастын карааны көрүнгөн жерден аттан түшүп, жетелеп өтпөсө, аты өлөт».
«Кашкардын каны Жакыпбек өлүп, алты шаар Жумул жерлери кытайдын колуна өтүп, Кытайдын улуктары Манастын күмбөзүн бузуп салууга буйрук кылат. Усталар көздөрүнө айнектерин кийип алып, колдоруна темир метилерин алып, күмбөздү бузуп киришет. Чаба баштаган усталардын бир нечеси өлүп кетет, бир нечесинин эси оойт, эс алганда сураса усталар айтат: «Метини колубузга алып, күмбөздү чабарыбызда кара көк жал бөрү көрүнө баштады» – деп. Кытайдын улугу Бээжиндеги канына болгон окуяны толук билдирет. Күмбөзгө тийбегиле» деген Бээжиндеги кандан буйрук келет. Ошол бойдон күмбөз бузулбай калат».
Сагынбай «Манасты» жаздырып жаткан кезекте «тарыхты табам» деп көп аракет кылган болучу.
Сагынбай кыргыздын тарыхын толук айтайын деп Түрктөн баштап, Урузкан, Байгур, Уйгур, Алачты ыксыз көп киргизген. «Оозеки тарыхка катуу кирише йин» – деп айтканын бир нече жолу уккамын.
Сагынбай эски молдолор менен да көп сүйлөшүп, пайдаланганы анык. «Динди да төгүлтүп айта берейин, угуп, элдин көңүлү бурулсун» деген.
Манас атындагы шаарды Сагынбай көп жерде жаздырган, күмбөзүн да андан алыстатпайын деп, атайын анын жанында деп айтса керек.
Муңдуу сөздөрдү укканда Сагынбай ыйлай берүүчү эле.
Сагынбай айткан Жумулдагы шаарлардын баарын өз көзү менен көргөн Жантөрө Сагынбайды «Манас» айттырып укканда: «Сагынбай олуядай, айтканынын баары чын» деген экен.
Шапактын оозунан жазылды
Сагынбай «Манасты» али айта элек кичине чагында Ысык-Көлдүн күңгөйүндө экенде эле майда-барат ырларды ээлигип айтып жүрчү.
Кадимки чоң манасчы Тыныбектин мугалими Чоңбаш (Нармантай) күндөрдүн биринде күңгөйгө келип калат.
Баяке Чоңбашты айлына алып келип, «Манасты» айттырганда, Сагынбай угуп олтуруп, Чоңбашты ээрчип кетип, «Ма насты» үйрөнсөм дегенде ак эткенден так этет.
Кочкор элинде бир адат болгон: эгин эккенде жаш балага, итке да арнап эгишкен. Сагынбай 12 жаш чамалуу кезинде ага арнап буудай айдап беришет. Аны Сагынбай өзү отоп, сугарып, эрмек кылып жүрөт. Буудайды коко тикенек, куурай басып, буудай болбой калганда, Сагынбай ырдайт:
«Кудай бардыр куурайга, Мен эмине кылдым кудайга? Тең жарымы ак буудай, Тегерек баш ак куурай. Ону куурай, беш буудай, Бербей койду бир кудай. Баккан эгин ушулбу, Атам көрсө ургудай!
Эмине кылдым теңир ай! Ушуну айтып ыйладым, Алишер мени кыйнадың.
Алишер анда муну айтты:
Сурасак жыйып аларбыз,
Элден жыйып аштыкты,
Толтурабыз баштыкты…»
Агасы Алишер Сагынбайга кой кайтартып коюп, ырдай бер дейт.
Кой кайтарып ырдай бер, Оюн менен жыргай бер. Топташ алсаң тозосуң, Кой кайтарсаң озосуң. Ашык (чүкө) атсаң азасың, Жаман жолго басасың.
Кой кайтарсаң ырдайсың, Ошондо иним жыргайсың. Ушул сөзүң эп дедим,
Угарга макул кеп дедим…
Сагынбай 15 жашка чыга элегинде бир баланы ээрчитип, күүгүмдө бир байдын үйүнө барат. Казанда эт бышып жаткан болот. Бай казандын үстүн капкак менен жаптырып, отун тарт тырып олтура берет. Барган балдар түңүлүп, кайра чыга турган болгондо Сагынбай айткан экен:
Оомийин десең мага, Бата берем сага.
Желе менен нокто, Жергең менен токто. Нокто менен чыкта, Бата кылам тыңда. Нанга нандай бата, Менин батам кандай бата? Этиң калды казанда Эртең жегин асанда.
Бай уят болуп, Сагынбайды жалынып токтотуп кондуруп, эртеси бир чапан кийгизип чыгарат.
Сагынбай 15 жашка чыкканда агасы Алишер болуп Күңгөйдөн Кочкорго көчүп барышат. Барган жерде үй-бүлөлөрү менен катуу оорушуп, Сагынбай чечектен жөө лүп жатат. Ошентип уйку-соонун ортосунда жатканда сырттан дүбүрт чыгат. «Арык тукуму келип, айылга чабуул коюп жатышабы?» – деп ойлошот. Бугунун Арык тукуму деген эли Кочкордогу сарбагыштан мал алып жаткан кез экен. Дүбүрт Арык тукуму болбой эле башкача түрдөгү кишилер – Манастын колу болуп чыгат. Алишер Сагынбай экөө таң калышат. Ошону менен Алишер Сагынбай экөө тең «Манас» айта башташып, акыры Сагынбай озот. Алишер Семетейдин Айчүрөккө бараткан жерин кыйын айтчу экен.
Сагынбайдын атасы Орозбак күңгөйдө өлөт. Кочкордо Алишер Сагынбай экөө 2 жылы турушуп, анан Кеминге көчүп кетишет. Анда он чакты жыл турушкан.
Сагынбай Чүйдө турганда «Манасты» шамырдай какшап, түтөтүп айтып, даңкы чыгып калат.
Алишер Сагынбайга эки аял алып берген. Сагынбай өзү эки аял алат. Балдары көп туулуп, көп өлгөн. Чүйдө он чакты жыл туруп, Алишер менен Сагынбай Кочкорго экинчи жолу көчүп барышат. Бул кезде алар жарды-жалчы болуп калышат. Сагынбай «Манас» айтып, тез оңолот. Чоң манап Шамен өлгөндө, Сагынбай «Манас» айтып, кыз-келиндерине кошок үйрөтөт.
Сагынбай эч бир ырчы менен беттешип айтышкан эмес.
Бай-манаптар Сагынбайды «оозу шок» – деп жалтанып сыйлашкан. Бай-манаптар Сагынбайды Тыныстан, Ша мен, Байтерек, Бекчоролордун аштарында жарчы кылышкан.
Аш-тойлордо башка ырчылар Сагынбайды ээрчип жүрүшкөн, олжо чапандарды ырчыларга Сагынбай бөлүштүрүп берип турган. Сагынбай «Манасты» күчөп айтып турган кезде Тыныбек: «Сагынбай, «Манаска» көп кошумча кошпой, нак айт» деген.
Шапак айтат: «Сагынбай илгери эле Таластагы күм бөздү Манастын күмбөзү дечү. Манастын өлүмүн Бээжинден балта жедирип эле айтчу. Сагынбай «Манас», «Семетейди» айтууда эч кандай Найманбайдан үлгү алган жок».
Сагынбай Келдибекти 70тен ашкан кезинде көргөн. Сагынбайга «Манас» айттырып көрүп жаратып: «Обондон жетише элек экенсиң» – деп, анан обонду, кол шилтөө жана башка аракеттерди үйрөткөн экен. Сагынбай Келдибекке жакын жээн болуптур.
Сагынбай 30 жашында Анжиян, Кетмен-Төбө жерлерине кетип, үч жылы жүрүп, аргымак минип, коштоо атка толгон пул жүктөп келе жатканда, аны издеп чыккан Кочкорбай жолдон учурайт. Сагынбай өлүп, дайынсыз жоголду деп угузганы жатканда келет.
1897-жылы болуп, Сагынбай акын 27 жашка чыгып, (туу ра сы 1894-жыл болуу керек, анткени Александр III 1894-жылы өлгөн, Сагынбай болсо 27ге чыкмак – Т. М.) акындыгы шакард ай кайнап, «Манас», «Семетейди» түтөтө айтып, бай-манап тардын кыз-келиндерине ар түрдүү кошокторду үйрөтүп, кыргыздын сүйүктүү жаш акыны болуп турган кезинде Александр III деген орустун падышасы өлүп, ордуна уулу Николай II такка минип, анын акчасы чыгат. Бир сомдук күмүш акчанын бетинде Николайдын башы түшүрүлгөн болот. Сагын бай ал акчаны алгач Токмоктун базарынан көрүп кол уна алып, көпкө карап ойлонуп турат да, өзүнө өзү айтат: «Бул падыша кара жолтой, эң жаман падыша болот экен го! Акчанын бетине мууздоосунан жогорку башын түшүрүптүр, мунун убагында баш кесилүү, кан төгүлүү көп болуп, өзү да соо калбайт экен го». Муну чоң эмеспи деп ойлоп, Сооронбайдын уулу Дүргө айтат: «Дүр, сен улуктарга жакын эмессиңби, мен жаңы падышанын акчасынан жаман жышаана көрдүм! Акчасына бүтүн тулку-боюн түшүрсө болбойбу, элдин каны төгүлбөй калса бол бойбу».
Дүр жаа бою ыргып кетет: «Кокуй Сагынбай, бул сөзүңдү мен угайын, менден башка эч бир жанга айта көрбө! Тим эле дүкөнүбүз түз болуп калат!» – дейт.
Сагынбай айтат: «Николай падыша такка минип калган кезде бир түнү падыша түш көрүптүр, түшүндө тактын үстүндө олтурса бир кочкор качырып келип падышаны тактын үстүнөн тоголото сүзүптүр. Падышанын эси ооп, кайсы экенин билбей жатып ойгонуптур. Түшүн жакындарына айтса, эч кимиси жоруй албай коюшуптур. Падышанын ырымчылдары бул түштү көчмөн кыргыз, казак билип жоруйт» – дептир. Токмокто Дүр менен бирге жүрсөм падышанын түшү угулду.
Дүргө айттым: түшүмдө Манасты да кочкор сүзүп, өзүнөн төмөн болгон Көзкамандар деген туугандарынан жамандык көргөн, бул кысталакка бөлөк падышалар менен беттешкенде эчтеме болбой, өз ичинен жоголот экен го дедим». Дүр: «Кой, Сагынбай, оозуңду бас!» – деди.
Сагынбай падыша өкмөтүнүн түбөлүк жашоосуна ишенимсиз көз менен карап, жапон менен урушканда, эң таң каларлык ыр ырдаса да, Дүр ырдатпай, элге тараттырбай койгон.
Падыша өкмөтү Герман менен урушканда, Сагынбай айткан: «Эми мунун иши бүттү!» Орус падышасынын убагындагы жаман кылыктарын толук кылып, 100 беттик ыр менен жаздырып бергени институтта жоголгон.
Сарбагыш наамындагы элдин Чоко деген манабы болгон. 1905-жылдарда падыша өкмөтү тарабынан айдалып, Сибирге барып жүргөн кездеринде жашырын партияга өткөн дегенди эл айтышат.
Чоко айдоодон кайта элине келгенде элге катышпай четтеп, тынч жатып алат. Сагынбай Чокого мына ошол кезде жолугуп калат. Чоко ошондо ырды да тыңшабаган кези экен, Сагынбай маектешип олтурганда Чокодон сурайт: «Бул падыша зулум болуп, жер-сууну тарытып бара жатат, айла эмне болот, айлыбыз кандай конот?»
Анда Чоко айтат: «Сагынбай, мен сени баягы эле каңкылдаган көп ырчынын бириби десем, сен кыйынсың го». Анан Сагынбайды ырдатып угуп, ыраазы бол от. Сагынбай замандын жаман жерлерин айтат. Чоко «Манасты» эч уккан эмес экен. «Манасты» айттырып угуп олтуруп таң калып айтыптыр: «Бул «Манаста» да көп маани бар экен, токто, Сагынбай, мен муну колума албасам болбойт экен». Бирок Чоко ошол 1913-жылы дүйнөдөн кайтат.
Сагынбай Кытатта жүргөндө бир күнү Орозакун деген оокаттуу киши үйүнө чакырат. Сагынбайдын алдына бир кичине карын сары май койгондо, Са гынбай:
«Сары май деген сенсиңби, Сагынбай деген менминби? Жаныбарым сары май, сагынганда келдиңби?» – деп туруп, сары майды белине ороп алып кете берет.
Ошол эле кытаттыктар бир күнү Сагынбайдан: «Саке, сиз оозуңузду ачсаңыз эле кайдан-жайдан экени белгисиз ырыңыз чубура берет, кантип айтасыз» дегенде Сагынбайдын жанында Бердикожо, Кул деген кишилер олтурган экен, ошондо Сагынбай мындай деп жооп бериптир:
«Бул Бердикожо, Кул экөө
Олтуруптур бул экөө», –дегендей эле айтыла берүүчү кеп эмеспи.
Сагынбай 16-жылы Кытай жерине үркүп барып, 17жылы кайта келип, Ат-Башыдагы Каракоюнда азык элине бир кыштайт. 18-жылы Ак-Талаа сельсоветинде «Жаңы күч» колхозунда «кытат» деген элдин ичинде Малабек деген бир жарды адамдын начар тамында эки аялы, беш кыз, бир эркек баласы менен турган. Турмуш начар, элге ырдап жүрүп, эң жакырлык менен турмуш өткөргөн. «Кытаттын ичин кыштадым,
Кыздарымдын баарысын,
Суу арча менен ыштадым»–деп ошондо айткан.
Кытаттагы абышкалар айтып калышчу экен: «Кайран Сагынбай, бир калам көң үчүн да күркүрөп ырдап жүрүп, бала-чакаларын бакпадыбы. Биз анда кайран булбулдун баркын билген эмес экенбиз».
Сагынбай Ак-Талаа сельсоветинде 2 жылы турганда кытат деген уруудагы кичинекей айылдан башка черик элинин бай-манаптары «Манас», «Семетейди» айттырып угушпаган. Мамбетимин деген чоң манап бир тойдо Сагынбай ырдап жатканда минтип жемелеген: «Сагынб ай, сен шарияттан тышкары аңылдап ырдаганыңды койсоң болбойбу!»
1922-жылы Мифтаков экөөбүз Солтонсары деген жерде Сагынбайдан «Манас» жана башка макал-ылакаптарды жазганыбызда Мифтаков Сагынбайдын үйүнө барып, жыпжылаңач кийимсиз олтурушкан бала-чакаларын көрүп, катуу кейип: «4–5 мата жардам бердим», – деп айтып келди.
Сагынбай Кытай жерине үркүп баргандан кийин 6 жылы катарынан жардылык, жокчулук деңизине чумуп, 1922-жылдын август айында Солто элине, Чүйгө барат. Солто Сагынбайды башы-жашынан билгендиктен жерге тийгизбей колмо-колдоп алып кетишип, бир тогуз жылкы, кийим-кечек, акчаны көп беришип, Сагынб ай ошону менен тыңып, жери Кочкорго кетет. Сагынбай: «Солтодон шайыр, берешен эл жок» – деп дайым айтар эле.
Сагынбай менен 22-жылдан баштап кошулуп «Манасты» жаза баштаган кезимде сүйлөшүп олтурган учурда Сагынбай эски заманды жакшы эле деп жактап жүргөн болучу. Кийинчерээк баштагыдан көз карашы өзгөрүп: «Бул жарыктык Ленин олуя экен го, Советтин жолу шарияттан да жогору экен го! Мен башта ачык түшүнчү эмес элем, эми түшүндүм!» – деп айтып калуучу.
Сагынбай толгон сөздөрүнүн арасында Ормондун иштерин көп айтып: «Ормон анча бугудан өлүп кетпесе, бүтүн кыргыз элинин бүлөсүн эсепке алып, каттатмак экен, падыша өкмөтүн Түркстанга жолотпой куумак эле, бир тамаша болмок эле, болбой калды!»– дээр эле.
1925-жылдын март айында Сагынбай экөөбүздү Ташкенге илим изилдөө институту чакыртып барып, 10 күнү турдук. Ташкенде Арабаев Ишенаалы, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токбаев Турдаалы, Тойчунов Ыбырай бар экен. Булар Сагынбайдан «Манас» жомогунун жайын ыр же кара сөз менен айттырып бир да угушпады. Сагынбай жолдо баратканда мага: «Эми чоңдор абдан айттырып сындайт го» – деп айтып барган.
Арабаев Сагынбайды каардап: «Иттин тезеги дары десе дарыянын башына чыгат» деген ырас го. Сагынбай, билген «Манасыңды» тез жаздырып бүтүрсөңчү, болбосо сотко беребиз», – деди.
Тыныстанов: «Саке, сиздин жаздырган «Манасыңыз» өзбекче болуп калыптыр.
Анан жууду бетини,
Акка буруп ниетини Анан жууду колуну,
Ушу жашка келгиче, Арстан Манас жаш бала
Көрбөгөн мындай жолуну.
– Саке, сиздин жаздырган «Манасыңыз» төрт жолдон уйкашпай, 5, 6–7 болуп уйкашыптыр» – деди.
Анда Сагынбай: «Мен башынан бери айтып келе жаткан сөздөрүмдү 4 жолдон уйкаштырганда кедейленип калбайбы!» – деп жооп берди.
Сагынбай катуу ызаланды: «Бул ким деген өзү, кайсы элден болот?»
Мен көлдүк саяк дегенимде, Сагынбай: «Мен дегеле көлдүктөн жакшылык көргөн эмесмин, мени сарбагыш деп Ормондон берки кекти кектеп жаткан экен го!» –деди.
Сагынбайдын капа болгонун Сыдыков Абдыкерим сезип: «Кой, Саке, эмки балдарга сиз таарынбаңыз»,– деп экөөбүздү үйүнө алып келип кондуруп, көңүлүбүздү жайламыш болду.
Сагынбай экөөбүз кыйла кагуу жеп алып, кайта келип Кочкордо Сагынбайдын үйүнөн «Чоң казатты» жаздык. Сагынбай баштагыдай көөндөнбөй, мен жалынып, ары жак, бери жагына чыгып жатып айттырып жаздым. 1926жылы «Манасты» жазып бүттүк. Чоң казаттын урушун, Манастын өлүмүн эң тар жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам да: «Менин билгеним ушул» – деп болбоду.
Сагынбайдын айткан «Семетейи» эң башкача кызык эле. Тамам жазылбай, өзү менен кошо кетти.
Сагынбай 1930-жылы май айында өлдү. Бул кезде илим изилдөө институтунда иштеп, билгендерин кылып келген Тыныстанов, Шабданов, Карасаев Хусейиндер, баягы Арабаев баары жыйылган «Манасты» текшерип окуп, Сагынбайды чакыртып текшербестен таштап коюшту.
«Манасты» жазып жүргөн кезимде сөз арасында Сагынбайдын бир кеп кылып айтканы эсимде: «Сыдыков Абдыкерим айтты эле, Саке, Манастын кыргыз экендигин эң бир нык, күчтүү айта көрүңүз деп!»
Сагынбайдын аялы Мариянын оозунан 23/VIII. 40-ж. Кочкордо, Аккыя сельсовети, «Жаңыжол» колхозунда жазылды.
1917-жылы Сагынбай менен агасы Алишер кытай жеринен кайта келишкенде, Алишер Ат-Башы кыштагында жайдын күнү август айында өлөт. Ал 55 жашта болот.
1917-жылы Мария декабрь айында Сагынбайга тиет.
Сагынбай атасы Орозбакты билип калган, 80 жашында өлгөн Орозбак.
Малга (койго) ылаң тийгенде, Сагынбайды чакыртып келип, койлорду короого чогултуп туруп, «Манас» айттырганда, ылаң кан буугандай токтогон учурлар көп болгон. Ооругандар, кара баскан аялдарга да Сагынбайды чакырып, «Манас» айттырганда да көп айыккан.
Мария айтат: «Ак селдечен, ак көйнөкчөн бир адам ар дайым Сагынбайдын жанында олтурса олтуруп, жатса жатып бирге болор эле. Сагынбай кара сакал кезинде ал да кара сакал, Сагынбайдын сакалы буурул болгондо анын сакалы да буурул болду эле»,– дейт.
Мария Сагынбайдан: «Жаныңдагы киши ким?» – деп сураганда, Сагынбай: «Тим жүр» – деп койгон.
– Жети жашымда ошол киши пайда болду, ошондон баштап эле мага акындык келди, – дечү эле.
1929-жылдан баштап айылдын активдери Сагынбайды кодулай башташат: «Бай-манаптын ырчысы, эки аялы бар» дегендери көбөйөт. Сагынбай кой деп Ысык-Көлдүн күңгөйүн дөгү карындашынын жанына Мария деген аялы, отуз чакты жылкысы менен көчүп кетет.
Сагынбайга ыгым-чыгымды да көп салышат. Бирок ал чыгымды сураганынча бере берген.
Сагынбай көчүп барганда, Торуайгырдын токой арасындагы көл жээгине боз үйгө кыштап чыгат. Күңгөйдөгү саяк эли аны өрүлүктөшүп, эгин-тегин, союш беришкен, катуу сыйлап күтүшкөн. «Манасты» айта албай калган Сагынбай күңгөйгө барганда «Манасты» кайрадан күчөп айтып, көңүлү өсүп, өзү да эттенип кеткен экен.
«Өкүмөт менин «Манас» тууралуу кылган акымды жебес, бир кезде бе рээр» – деп айтып калчу экен.
Күңгөйдө жазга маал болгондо баягы унутчаактыгы кайра кармап, намазды кайра-кайра окуй берген. Мариянын эси чыгып: «Абышка, элге кетели!» – деген.
Ошондо Сагынбай: «Мария, сен коркпо бекер! Мен өлсөм ушул жердеги эл да көмөт:
Жазуудан артык жан өлбөйт, Тактыда жатып кан өлбөйт. Ажал жалгыз айда өлбөйт, Адам уулу кайда өлбөйт.
Өлбөсө пенде не көрбөйт.
Өзү кадик алланын
Өкүмүнө ким көнбөйт»,– деп жооп берет.
Жаз келет, эл кош айдап болуп, жайлоого көчөөр маал келет. Эл көлдүн жээгине конушат. Сагынбай да көл жээгине конот. Ошо кезде Сагынбайдын мүнөзү бир башкача болуп бузула баштайт. Мария билип чочуйт. Келген элдер: «Сопсоо эле турган кишини бирдеме деп экиленбечи» – деп коюшат. Бирок Сагынбайдын иши оорлоп баратканын билген Мария күндөрдүн биринде ыйлап жиберет.
«Сен эмнеге ыйлайсың?» – дейт Сагынбай. – «Сиздин мүнөз болбой бара жатпайбы!» – дейт Мария. – «Мен эмне болгонумду өзүм билбейм» – дейт Сагынбай. Мария үч күн, үч түн күзөтүп олтурат.
«Сол жаккы аты жогумдун учу ооруйт, башка жерим таза» – дейт манасчы.
Мария караса, ийненин көзүндөй жери көгөргөн болот.
Үч күн өткөндө Мария Кочкорго киши чаптырат. Ошо күнү бешим ченде Сагынбай акылына келет. Нам аз окуп отурат, түрү кадимкидей эле болот. Бешим ченде эс алып олтурганда Мария сөз салат. «Абышка, мен Кочкорго киши чаптырдым. Үч күндөн бери түн күзөтүп жаныңда олтурам, улам үзүлүп кетесиң, билесиңби аны?» – десе, Сагынбай айтат: «Мария, мен таза эле олтурбаймбы, уктап ойгонгондой болом, укта десем болбойсуң».
Кочкорго аялынын киши чаптырганына ыраазы болот: «Байбичем, ырас кылган турбайсыңбы» – дейт.
Беш күнгө чейин Кочкордон киши келбегенде: «Олда иттер ай-е, менден тирүүлөй түңүлүшкөн экен го, эшикти карагылачы» – деп эки колу менен эки бөйрөгүн ушалайт.
Эртеси түш ченде Сагынбайдын үстүндө 2–3 аял олтурушканда Сагынбай келме окуп, түндүктү карап күлүп таза эле кишидей отурат.
«Ээ, айланайын абышка, эмне болуп баратасың» – дейт Мария.
«Өлүмдөн кабар келди» – дейт Сагынбай. Мария ыйлап көп сөз айтат.
«Кудая тобо, деги кызык ушу, өлүмдөн да киши коркобу?!» – деп Сагынбай дагы бир топ сөз айтат. Анан теспени тартып, чыканактап жатат. Бир оокумда Сагынбай дагы өйдө боло калганда, Мария: «Айланайын абышка, не болуп баратасың?» – деп колдон алат.
«Тигинде Көкөтөйдүн ашы болуп, көп жыйындын башы болуп жатпайбы, – дейт эки алаканын жайып, анан күлүп туруп сөзүн улайт, – Кан канды жутуп, кайып кайыпты жутуп жатат, көрбөйсүңбү!» Мария жакадан бек кармайт, Сагынбай кайрадан тынчып калат.
Сагынбай бир оокумда дагы сурайт: «Баягы Кочкор дон келе тургандар келдиби!»
Сагынбай эми Марияга керээзин айтат: «Мен 63 жашта, пайгамбар жашындамын. Бул дүнүйөдөн эч арманым жок. Мен ичпеген аш, кийбеген кийим, минбеген ат калган жок! Кан, бектин баары менен теңтуш болдум. Аманкул менен Жаманкул жаш калды. Өлбөсө бир кездерде баягынын баласы деди рээр!» – деп дагы көп сөз айтат.
Беш күн дегенде Кочкордон туугандары барат. Сагынбай балдарын эркелетип олтуруп, шалдайып жоошуйт. Сагынбай Кочкордон келген туугандарынын баарын тааныйт. Ыбыш деген тууганы Сагынбайдын тамырын кармап туруп: «Саке, Кочкорго кетесиңби?» – дейт. «Ооба кетем», – дейт Сагынбай.
Күңгөйдүн саяктары: «Биз да элбиз, жибербейбиз»,– дешет.
Сагынбайды арабага салып, Кочкорго алып жөнөшөт. Балыкчынын аягына келгенде: «Ээ, Мария, жан берүү деген ушундай болот экен го»,– дейт Сагынбай. Бир аз жамгыр жаайт. Сагынбайдын бетин Мария жоолук менен жаап коёт. Сагынбай аябай ыраңына чыгып, агарат. «Мария, Сакемдин бетин карачы!» – дейт Ыбыш.
Эл Сагынбайды үч жерден тосуп, ал сурашат: «Сак е, кандайсың?» – дешет. Сагынбай: «Ээ!» – дейт.
Кочкордун Аңыртысынын суусун ичкенде арабада жан берет.
«Балдарга элин, Жумгал саягын бир көрсөтсөм бол от эле» – деп тирүүсүндө Сагынбай айтып жүрчү.
1929-жылы Сагынбай күңгөйгө көчөөрдүн алдында Аңыртыда экенде бир күнү дөңдө олтуруп, Ыбыш деген тууганына: «Бала кезимдеги сүйлөшкөн тоту кушту көрдүм, көп сөз айтты!» – деп айткан экен.
Сагынбай өлөөр жылы: «Быйыл 63 жаштамын, бый ылдан калсам, уулдун уулун, кыздын кызын көрөм!» –деп айтып жүргөн эле дешет.
Ыбырай АБДЫРАХМАНОВ
* * *
Сагынбай Орозбаков – улуу акын, 1867-жылы ЫсыкКөлдүн Кабырга деген жеринде дүйнөгө келген. Анын атасы Ормон хандын сурнайчысы болгон. Хан өлгөндөн кийин атасы Кабыргага көчүп келип туруп калган. Сагынбай Кочкордо жашап өткөн. Үркүн жылдары Кытайга качып барып, андан 1917-жылы кайтып келген.
Ал «Манасты» 16–17 жашынан баштап айта баштаган. Сагынбай «Манас тан» тышкары көптөгөн көркөм чыгармаларды, айрыкча кошок түрүндөгү ырларды, социалдыкфило со фиялык маанайдагы «Заман» поэмасын чыгарган, элдик ырларды өтө көп билген.
Сагынбай билими жоктугуна карабастан ой-дүйнөсү өзгөчө кенен адам болгон. Ал арабча окуй билген.
Сагынбай падышалык режимди, ага көмөкчү болушкан бай-манаптардын кылык-жоруктарын катуу сындаган.
Сагынбайдын айтуусу боюнча «Манастын» биринчи бөлүмү жазылып алынган. Жазып алуу иши Түркстан Республикасынын эл агартуу комиссариатынын тапшыруусу менен 1922-жылы башталып, 1926-жылы аяктаган. Сагынбайдын ооруп калгандыгына байланыштуу андан ары улантылбай токтоп калган.
Сагынбайдын «Манасы» 260 басма табактан турат жана кыргыз фольклорунун эң мыкты үлгүлөрүнөн болуп саналат. Анын варианты баатырдык жаркын эпизоддорго өтө байлыгы, социалдык турмуш окуялары менен фантастикалык ула мыштарды ашкан чеберчилик менен айкалыштыра сүрөттөй алгандыгы, поэтикалык стилдин жогорку көркөм деңгээлде экендиги менен айырмаланып турат.
Сагынбай 1930-жылы Кочкор өрөөнүндө дүйнөдөн кайткан.
САЯКБАЙ
Мындан азыраак жыл мурда «Советский Союз» журналы менин «Ал океан сындуу «Манастын» миллион сабын жат билет» – деп аталган макаламды жарыялаган болчу. Анда мен залкар манасчыбыз Саякбай Каралаев тууралуу кеп салган элем. Бүгүн болсо турмуш кыстап, макаланын аталыш наамына «Ал… миллион сабын жат билген» – дедиртип кайгылуу түзөтүү кийирип отурат. Кантели, өмүр деген ушундай өлчөлүү болот тура, айтылуу манасчы жайын эми ушинтип өткөн чак менен айтууга туура келет.
Мурда күнү Саякбай Каралаевди жерге бердик. Кыргыз маданияты үчүн бул орду толгус оңсуз жоготуу болду. Саякбай Каралаев улуттук маанидеги сүрөткөр эле. Не дегенде «Манас» эпосу бизге жеткен азыркы калыбы менен кечээ же бүгүн эле жарала калган эмес. Кыргыз эли ага сан миң жылдык санжыра-тарыхын, дүйнө жөнүндө бакканкөргөнүн, поэтикалык энчи-таалайын катып, тополоңдуу күндөрдүн бороон-чапкынына тоздурбай, кысталаңдуу замандардын кыямат селине алдырбай, бой тумар сындуу боюна көтөрүп, дээрине сактап, кылымдардын кыйырын түрө кыдырып, улам өнүктүрүп, өөрчүтүп жүрүп отурган. Манас баатыр жөнүндөгү улама кептин уңгусу жылжыган булак суусундай болуп, ой бойлобос, акыл чендебес атам замандагы доорлордо башталган. Бара-бара анын нук-жээги кеңейип, бууракандаган дарыяга айланып, акырында кыргыз жергесинде элдик поэзиянын чалкыган деңизин пайда кылган. Саякбай Каралаев эпостун дал ушинтип кемелине келип, толкуп-ташып турган чагында анын таалайына туш болуп, ажарын ачты.
Эзелки уламыштын уч-кыйыры көрүнбөс кенендиги менен түбү билинбес тереңдигин ойго сыйдырып, көңүлгө көгөндөп, «Манас» жөнүндөгү улуу сөздү көөнөртпөй, ар бир муундун көз алдына тутуп, маңдайына кармап туруш үчүн ашкан интеллектиси, опсуз фантазиясы жана жанда жок артисттик таланты бар, бир эшиткенин эзели эсинен чыгарбас куйма кулак жомокчулар, айтуучулар керек болгон. «Манас» дастанын мурунку муундардан мурастап алып, улам кийинки урпактарга улам а кылып жеткирип турган сакадай бою сары алтын андай айтуучулар эл ичинен өксүбөй чыгып турган. Бүт өмүрүн «Манас» айтуу өнөрүнө багыштаган Саякбай Каралаев урумдан ашкан ошол санжырачылардын биздин күндөрдөгү уркунан эле.
Эми ал жок. Кайран киши көк теңирде жаркырап, балбылдап күйүп туруп, кулап учкан жылдыздай ааламдан кайып кетти. «Манастын» асманында ага тең келээр жылдыз кайра эми жанаар бекен? Камсыга ушуну ойлоп, кайрадан калың элге үмүткөр болуп карайсың, анткени Саякбай Каралаев сыяктуу даанышман чыгармачыл инсанды эл гана жаратат эмеспи. Ажеп эмес, уруулуу журттун уюткусунан жалгап Манас баатырдын санжырасын чеккен дагы бир сайкашка таланттын туурубузга конуп калгысы бардыр, жаңы Саякбай азыр балтыр бешик баладыр, а балким, эми төрөлөт чыгаар!
* * *
Кыргыз илимпоздору байыркы «Манас» эпосун кагазга жазып, сарамжалдык менен санжаптап чыгуунун үстүндө сабылып иштеп келатканына быйыл отуз жылга аяк басты. Азырынча анын кыскартылган төрт китеби чыкты, аларга карап олтуруп деле жазмасы жок эл поэт икалык эбегейсиз бул дастанды миңдеген жылдардын мизинен кетилтпей кантип алып өтүп, биздин күндөргө чейин кантип жеткирди экен деп айран-таң каласың.
Кыргыздар Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири. Ал өзүнүн көп кылымдык тарыхында эпикалык маданияттын эң бийик өрүшүнө жеткен. Өзгөчөлүү тарыхый шарттарда (жазуу-сызуусу жок, сүрөт өнөрүнөн караманча кабарсыз, өз эркиндигин жана азаттыгын коргоп, жамаатташ турган күч-кубаттуу феодалдык мамлекеттер менен такай жоолашып) узак мезгил бою көчмөн турмушта жашаган элдин кайнар булактай оргуган поэт икалык көрөңгөсү эпикалык ушул жанрдын жаралышына жана оожалып өркүндөшүнө алып келген. Башка көп эл рухий казынасын чежире китептерге жа зып, жылнаамаларына жыйнап, көркөм адабиятта, театрда чагылтып, сүрөт полотнолоруна түшүрүп, скульптурада чегелеп калтырышса, кыргыздар булардын баарын эпосторго батырып, ошолордо камтып айтып, кастарлап келген.
Кенже деп аталган эпостор бизде он бешке жуук, алардын ону басылып чыккан. Ар бири жүз миңден ашуун ыр сабынан турат. Ар бири тарыхтын кайсыдыр бир доорун камтып, адамдар менен элдердин көп кырдуу тагдырын, турмуштун сан түркүн сай-салаасын санаттайт. Ар биринин өзүнө гана таандык оригиналдуу окуясы, мазмуну бар. «Кожожаш», мисалы, аң уулап, мергенчилик менен мээнеттүү өмүр сүргөн адамдын, табиятка тааз им кылган эзелки муундардын жаратылыштын жапан күчтөрү менен күрөшкөн адамдын турмушу жөнүндөгү эң байыркы драмалык дастан. «Олжобай менен Кишимжан» болсо лирикалык поэма, даркан талаанын өзүнчө эле бир «Ромео менен Жульеттасы», «Кедейкан» – социал дык-турмуштук утопия.
Бардык кыргыз эпосторунун барып турган үлкөнү, көрсө көз тойбос, укса кулак канбас укмушу, бул албетте, «Манас». Ал адамдын акылын тандырар көрөсөн бүткөн көркөм дүйнө.
«Манас» – океан-эпос. Көлөмү жагынан ал дүйнөдөгү белгилүү бардык эпостордон ашып түшөт. Анын он бир варианты бар, айрымдары жети жүз миңден ашык уйкаштуу ыр сабынан турат. Турмуш көрүнүштөрүн камтыган кенендиги жагынан «Манас» дүйнөлүк эпикада эң бараандуу орунду ээлейт. Журт башына калайман салган бөтөн жерлик баскынчыларга каршы кыргыз элинин жүргүзгөн каарман күрөшү, чабылып-чачылган кыргыз урууларын бириктирип, бир жерге күл төктүрүп, журт кылган айкөл Манас баатырдын эрдигин даңктоо – анын өзөк темасы. Бул эпостук мазмундун бир гана сабы, анын мындан башка да тарамдалып бөлүнгөн огеле көп кошумча темалары бар. Калаймандуу казаттардын баатырлардын эрдигин баяндаган эпизоддордон тышкары «Манаста» адам тиричилигинин, көйгөйү көп өтмүштүн маани-жайын чечмелеп, көп түрдүү көрүнүшүн сүрөттөгөн учурлар кеңири орунду ээлейт. «Манастын» көркөмдүк жана дүйнө таанымдык күчү, келберсиген даркандыгы эс талгыдай эле бар. Анда арзуу лирикасы да, социалдык-турмуштук, моралдык-этикалык темалар да өзүнүн мүрөл үлгүсү менен жолугат. Анда байыркы кыргыздардын география, астрономия, медицина, зергерчилик, аскер өнөрү жөнүндө түшүнүктөрү, мыскалдап жыйнаган маалыматтары топтолгон. Анда куунак сатира менен юмордон тартып адам жанынын жүрөк титиреткен улуу кайгысын санат кылган трагедиянын бийик үлгүсүнө чейинки көркөм каражаттар менен формалардын албан-түмөн түрлөрү бар. Каймагы калпыла элек реализм жомоктук фантастикага жуурулуп, символизм, декларативдүүлүк терең психологизм менен ашташып турат, керемет-сыйкырдын күчүнө ишенген көз караштар философияга келип тогошсо, интимдүү изги сезимдери ашыктыктын ажайып дастанына өсүп чыгат. Ошол эле учурда сүйүү темасы эпосто байыркы феодалдык патриархалдуу-уруулук салт-санаасына тутамдаштырылат. Кыскасы, «Манас» өткөндөгү кыргыз элинин келберсиген чалкар дүйнөсүн бүткүл керемет-кемели менен көз алдыга тартат, бул анын дүйнөлүк маданияттын панорамасындагы залкар көркөм полотносу.
«Манас» муундан-муунга мурасы болуп, ооздон-оозго өтүп турган. Таланты таш жарган эчен бир манасчылардын ысмы эл ичинде жүздөгөн жылдар бою унутулбай, айтылып жүрөт. Андыктан Саякбай Каралаев сыяктуу азыркы кездин феноменалдуу сүрөткери биздин элден чыкканы таң каларлык иш эмес. Жетимиш жаштагы, акылга дыйкан бул адам башынан көптү өткөрүп, далай окуяларга күбө болуп, өрнөктүү өмүр кечирип келатат. Граждандык согуштун жылдарында кызыл партизандардын кошунунда жүрүп, Сибирде Колчактын ак гвардиячыл армиясы менен кармашты. Ат жалында баратканда, а кээде партизандар өргүп, эс алып жатканда, от боюнда олтуруп Саякбай Каралаев «Манастан» үзүндүлөр айтып, элге эрмек болгон. Кыргыз тилин караманча билбесе да, кишилер туш-туштан тегеректеп, Манас баатырдын баянын үзүлө түшүп угушаар эле деп эскерет манасчы ошол учурларын. Көрсө, Каралаевдин ченде жок тубаса актёрдук чеберчилиги ошондо эле оролуна келип, оргуштап турган экен. Кийин ал туулуп-өскөн жергесине келип, Кыргызстанга атактуу манасчы болуп таанылды.
Дүйнөлүк эпостун чыгаан билерманы, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов аны «легендарлуу эпик», «азыркынын Гомери», «XX асырдын рапсоду» деп атаган. Озук окумуштуунун маңдайы жарылып айткан бул мактоосу өтө кеткен кеп эмес. Дээр лик миллион ырды жаңылбастан, жадыбалдай жатка айткан мындай адам бу ойроттон оңойлук менен табыла койбос. Каралаевдин аткаруусундагы «Манастын» вариантын, ал билген башка да бир катар кенже эпостордун текстин жазып алуу үчүн ондогон жылдар керек болду.
Каралаев «Манас» айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбагасы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп муюп олтуруп, анын жасат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлоп кетесиң. Бул манасчынын тулку-боюнан, бешене-бейнесинен сезилип, эбаккы өткөн доорлордун карааны жылып келип, калдайып астыңа тура калгансып кетет. Ошондогу ойрондуу окуялар, ошондогу кайгы-муң, ошондогу айкөл акыл, ошондогу сарсанаа, жамандык менен жакшылык баары чогулуп, ушу кишиге уютулуп калгансыйт. Каралаевдин аткаруучулук усулу уккан адамдын жан дүйнөсүнө алай-дүлөй түшүргөн ушундай керемет күчкө ээ. Ыраатынан жанбаган ыргак, ышкысы жанган кумар, көңүл көлгүткөн ылхам биринен сала бири куюлушуп, аларга удаа кусалык, муңканган кайгы каптап келет да, санаага алган убайым, көз жаш кайра барып, айбары бийик айбатка, өткүр кайратка, каармандыкка орун бошотот. Анан кайра ойго салып бирде күлдүрүп, бирде ыйлатып, улуу дастан улана берет.
Тагдыр жалгап кайсы бир жолу Каралаев менен Чүй өрөөнүндөгү чарбалардын бирине барганым эсимен кетпейт. «Каралаев келиптир» деген кабар алеки саатта айылдан айылга жетип, желден ылдам тарап кетти. Ар кайсы жактан: айдың талаалардан, алыскы фермалардан убап-чубап, үлгүргөнү машинага түшүп, тракторго жабышып, көпчүлүгү жөө-жалаңдап бир заматта азан-казан эл жыйналып калды. Каралаевдин өнөрүнө куштары артылгандар ушунчалык көп болгондуктан, алар колхоздун чакан клубуна батпай тең жарымы сыртта калышты. Ошондо Каралаев ачык аянтка чыгып, эл ортосунда туруп «Манас» айтмакчы болду. Чакан сөөрүчө жасап, алдына отургуч коюп беришти, казганактаган эл болсо ким каалагандай жайланышып, көпчүлүгү түз эле жерге мандаш уруп, бир даары машиналардын кузовуна чыгып, айрымдары ат үстүндө туруп анын жомогун тыңдап жатышты. Бир оокумда төбөдөн кара булут сөгүлүп, алты сай жамгыр төгүп жиберди. Бирок Каралаев жомогун токтотподу, эл да козголбоду. Көнөктөгөн жаан алдында өтмө катар суу болгонуна кайыл, назарын бурбай жомокчуну муюп угуп отура беришти. Ошол кезде алардын бүт ыкласы Каралаевге байланып калган эле. Мен муну эч качан унутпайм.
Эгер менден өз элиңдин кандай улуу адамдарын билесиң деп сурашса, арийне, алды менен озунуп ушу Саякбай Кара лаевди айтат элем.
Өз элинин тарыхына жана чыгармачылыгына сыймыктанбаган жан болбос. Ошентсе да «Манас» эпосун ойлой калсам, анын минтип жалпы элдин орток маданий байлыгына айланып отурганын эстеп, мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем. Миң жылдан ашуун тарыхында «Манас» совет бийлигинин жылдарында гана биринчи мертебе кагаз бетине түшүрүлүп, китеп болуп басылып чыкты. Анын кээ бир маанилүү эпизоддору келки-келки үзүндү-үзүндү түрүндө орус тилине которулду. Бул болсо «Манасты» мүлдө адамзат маданиятынын казынасына кошуу үчүн мүмкүндүк ачты.
«Манас» азыр өзүнүн экинчи өмүрүн сүрүп, жаңы доорун башынан кечирип жатат. Ал китеп болуп басылып, операда ырдалып, спектаклдерде көрсөтүлүүдө, кыргыз кинемато графисттери болсо «Манас» фильмин тартууга камданып жатышат.
Чыңгыз АЙТМАТОВ
* * *
Саякбай Карала уулу (1894, Тоң району, Ак-Өлөң айы лы – 1971, Фрунзе) – ХХ кылымдагы улуу манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Болочок манасчынын аталары кедей-кембагал, момун адамдар болгон. Оокаттары өтпөгөндөн кийин Ак-Өлөңдөн Жети-Өгүз тарапка көчүп барышат. Анын балалык чагы ушул жерде өтөт. Ата-энесинин мойнуна минген кедейчилик бул жерде деле түшө койбойт. Атасы Жыкы деген сүткөр соодагердин атынын күчүн минип жүрүп өлтүрүп алат да төрт асый төлөмөр болот. Анын үчөөн айылдаш туугандарынын жардамы менен төлөйт да, бир асыйдын кунун төлөш үчүн иниси Төлөбай менен 12 жашар баласы Саякбайды ал сүткорго жалчылыкка берет. Алар үч жыл бою иштешсе да аттын кунунан кутула алышпайт. Айлалары кеткен Караланын үй-бүлөсү 1912-жылдары кайра өз жерине Семизбелге көчүп келишет. Замандаш айылдаштарынын эскерүүлөрүндө Саякбайдын «Манас» айтууга аракет кыла баштоосу ушул жылдарга туура келет. Бүлөсү Семизбелге көчүп кеткенден кийин жалчылыкта кой кайтарып жүрүп «Манас» айтууну дегдеп талаптанып, Чоң-СарыОйго эжелерине качып барат. Андан Семизбелге келип эл астында айтууга далалаттанып, бирок эркин кете албай туталанып, психологиялык түйшөлүү абалында жүрөт. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү болгон. Ал киши элдик оозеки чыгармачылыктын, анын ичинде «Манастын» бал-шекер даамын кичинекей неб ереси не таткандырып, алтын шилекейин чачыратып олтурчу экен.
Беренжини жамынып
Береги Бээжин минер мал экен.
Карыпчыны салынып,
Каңгай минер мал экен, Дегениме көн бурут, Мааникерди бербесең.
Тарткан этиң жебеймин,
Андай-мындай дебеймин,
Ашыңа апаат кыламын, Айдап жүрүп кырамын, –деп Суранчы сыяктуу чоң манасчылардан уккан «Манасынын» эсте калган ыр саптарын небересинин кулагына куя берет. Саякбай «Манастын» кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.
Эл көзүнө манасчы катары толук таанылганга чейин:
Маралдай көзүң жылтылдап,
Пахтадай этиң былкылдап,
Барааныңды көргөндө
Барамын жүрөк зырпылдап –деген сыяктуу элдик күйгөн ырлардын үлгүлөрүндөгү лирикаларды чыгарып, эл арасына таратууга аракеттенген.
Бизге белгилүү манасчылардын эч кими мен «Манасты» баланчадан үйрөнүп алып айтып жүрөм дебейт. В.В.Радловго жолуккан манасчы: «Мен бир ырымды бирөөлөрдөн үйрөнүп айтпайм. Анын баары менин ичимден өзүнөн өзү куюлуп чыгып турат» дегендей жоопту дээрлик баарынан угууга болот. Чындыгында алардын минтип айтышка толук укугу бар. «Манасты» айтууда алар жеке эле үйрөнүп айтпастан, ошону менен бирге өзүнүн талантына да милдеттүү. Ошол ички зор таланты көркөмдүк жагынан, көлөмү жагынан да, дүйнөдө теңдеши жок алп эпос «Манастын» эл ичинде мурунтан калыптанган зор казынасын өзүнчө толук өздөштүрүп айтууга мүмкүнчүлүк ачат. Ички таланттын элдик казына менен акырындап жуурулушуп олтуруп өзүнүн апогейине жетип атылып чыгышы, өзүндө мурун болбогондой мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы таланттын ээсинин өзүнө да кереметтей туюлуп, ичинен кандайдыр бир күч түрткү берип жаткандай өзүн эркин сездирет. Бул ишеним көбүнчө түш көрүү, галлюцинациялык абалда болуу менен Манастын өзүнүн колдоосу, даарышы менен байланыштырылат. Жеке биздин манасчылар эмес Гомердин заманынан бери карай төгөрөктүн төрт бурчундагы элдик таланттар акындык, музыканттык шыктарынын ойгонушун даарып кетүү менен түшүндүрүп жүрүшү адаттагы көрүнүш.
Саякбай Карала уулу да өзүнүн манасчылык талантынын ачылышын түш көрүү менен байланыштырган. 1916-жылдары жашаган жери Семизбелден Ортотокойго келе жатып баштагы чоң кара таштын ордуна ак боз үй тигилип турганын көрүп таң калып, асмандан угулган кандайдыр укмуштуу добуштан эси ооп жатып калат. Ошондо үйгө кирип Каныкейдин колунан даам татат. Үйдөн чыкканда:
Кылымдын баары козголуп,
Кырк-элүү түмөн кол болуп,
Түнөрүп жаткан Бээжинге Түз кирип найза сунганы –кетип бараттык эле, казат болуп, кол кетип баратканда анын алдынан кезиккениң абдан жакшы болду. Караңгыда көз тапкан, капияда сөз тапкан Бакай деген менмин, Манас баатыр сага бере өт деген күлазыгын бере йин. Оозуңду ач дейт. Анан Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактарды бир-бирден сыпаттап айтып тааныштырып чыгат. Ошол окуядан көп өтпөстөн 1916-ж. элдик көтөрүлүш чыгып, анын трагедиялуу аякташынын каардуу капшабы Саякбай Карала уулунун бүлөсүнө да тиет. Үрккөн эл менен кошо алар да Кашкар тарапка качып жөнөшөт, бирок унаалары начар болгондуктан узак бара алышпай Сарыжаздын Көөлүсүндө калышат. Саякбай ошол кезде Бычков деген актардын генералынын колуна түшүп, аз жерден гана өлүмдөн кутулат. 1918-ж. кулакта малай болуп жүргөн жеринен Шихабутдинов деген большевик жетекчилик кылган Кызыл Армиянын бөлүгүнө кошулуп, Совет бийлигинин душмандарына каршы аттанып чыгат. 1921-жылга чейин ыктыярдуу кызыл гвардиячылардын катарында актардын атамандары Аненков, Дутовго, Бухаранын эмирине ж. б. каршы күрөшүп Алматы, Бухара, Ашхабад, Жаркент ж. б. көп жерлерде болуп душмандарды сүрүп чыгарышат. Саякбай Кызыл Армиянын катарында жүргөнүндө «Манаска» кызыгуусун уланткан.
1921–31-ж.ж. элине кайтып келип Совет бийлигинин чыңалышына активдүү катышып, Маман, Ырдык айылдык Советтерине төрөгалык милдет аткарат. Ушул жылдардан баштап анын манасчылык өнөрү өнүгүүгө бет алат. Эл алдында тынымсыз чыгып «Манас» айтат. Айрыкча, өз мезгилинде Көл айланасындагы манасчылардын эң таланттуусу эсептелген Чоюке Өмүр уулу менен 1924-ж. таанышышы анын чыгармачылыгына зор таасир тийгизет. Чоюкени ээрчип жүрүп айткан «Манасын» үйрөнүү аны нагыз манасчылык деңгээлге көтөрөт.
Саякбай бул жылдары экинчи бир манасчы Акылбекке да жолугуп, андан да таалим-тарбия алат. 1930-ж. Фрунзе шаарына манасчы ката ры чакырылып, коомчулук тарабынан таланты жогору бааланат. Анын Фрунзе шаарына келип коомчулук менен таанышышына жазуучу Жекшен Ашуубаев, белгилүү илимпоз Кусейин Карасаевдер көмөкчү болот. Ал «Манасты» эл алдында толук түрүндө 1925-жылдан тартып айта баштаган, 1935–54-жж. филармонияда артист болуп иштеп, негизги репертуарын «Манас» айтуу түзгөн. 1932-жылдан баштап белгилүү манасчы катары «Манастын» тексти жазылып, 1937-ж. үчилтиктин биринчи бөлүмү жазылып бүтөт.
Тексттин көпчүлүк бөлүгүн кыргыз фольклорун, айр ыкча «Манасты» көп жылдар бою элден жыйноого катышып, зор эмгек сиңирген Ыбырайым Абдыракман уулу кагаз бетине түшүргөн. Андан башка да жазуу ишине К. Жумабаев, Ж. Рисов, Р.Кыдырбаевалар катышкан. Саякб айдан жазылып алынган «Ма нас» бөлүгүнүн текс ти 83830 ыр сапты түзөт. Мындан башка да «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү, алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуялары да толук жазылып алынган. Саякбайдан жазылып алынган «Манастын» текстинин бардыгы 500553 сап ырдан турат да, колдо бар варианттардын эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Б.а., «Манас» дүйнөдөгү белгилүү эпостордон эң көлөмдүүсү болсо, Саякбайдын варианты ошол «Манастын» эң көлөмдүүсү болуп саналат. Саякбайдын айтуусунда «Манас» эпосу 60-жылдардын ичинде бир нече жолу магнитофон плёнкасына жазылып алын ган. «Манас» аткарып жаткан учурлары бир нече сапар киного тартылган. Бул уникалдуу материалдардын «Манасты» изилдөөчү кийинки муундар үчүн мааниси зор. Бул жерде Б. М. Юнусалиев мындай деп белгилеген эле: «Сакемден башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес. Ошондуктан, ал вариант – уникалдык, жападан жалгыз вариант. Муну Саякбай карыянын өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек» (Юнусалиев Б. М. Улуу эпос, укмуштуу жомокчу. «Ала-Тоо», 1967, № 1, 153-б.). С. Карала уулунан жазылып алынган «Манастын» жеке кыргыз адабиятында эмес, жалпы эле адамзат маданияты үчүн зор мааниси бар экенин кыргыз окумуштууларынан башка, калыс пикирдеги изилдөөчүлөр да белгилешкен.
«Бир калктын нечен кылымдар бою башынан кечирген турмушун, эрдик салтын, арманы менен муңун, патриоттук улуу идеясын, ынаным-ишенимин, этикалык түшүнүгүн толук камтыган жарым миллион жол элдик ырдын чыныгы мурасчысы болгон, совет дооруна, биздерге жеткирген жомокчу – Саякбай Каралаевге таң калбаска да, ага чын жүрөктөн алкыш айтып, аны чын көңүлдөн термеле сүйлөбөскө да мүмкүн эмес. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген эл сөзүнүн мааниси зор. Саякбай дүйнө жүзүндө бир гана адам. Эч жер, эч элде жарым миллион жолдон турган 30 томдук асыл казынаны жатка айта турган экинчи Саякбай жок. Ал – феномен. Ал эзелки Гомерден берки эл ырчысынын тирүү айгагы, эң улуу өкүлү. Саякбай кыргыз элинин таланттуулугунун айкын далили», – дейт Каз ак ССРинин илимдер академиясынын корр еспондент-мүчөсү
Кажым Жумалиев (Жумалиев К. «Манас» менен манасчы. – «Советтик Кыргызстан», 26-июль, 1964). С. Кар ала уулу менен, анын «Манасы» менен таанышкан белгилүү адамдар манасчынын укм уштуу талантына суктанып, буга окшогон бааларын ар дайым бере келишкен. Алардын ичинде чет элдик ири маданий ишмерлер да болушкан. Алар С. Карала уулунун талантын жеке анын өзүнө таандык кылбастан, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, жалпы элдик ири көрүнүш катары карашкан. Алжирдин маданият министри, жазуучу Мурад Бурбунун: «Силер жазуу адабиятыбыз болгон эмес, китептерибиз болгон эмес дейсиңер, мынакей силердин улуттук китепканаңар ушул абышка» деген пикири буга типтүү мисалдардын бири боло алат. Ч. Айтматовдун «Каралаев жөнүндө ой жүгүртүү» («Советтик Кыргызстан», 11-май, 1971) деген макаласында. Муну меймандын сыпайкерчилик үчүн, көтөрө чалган пикири катары кароого болбойт. Ушундай ойлор олуттуу илимий изилдөөлөрдө да мурдатан айтылып келген. Мис., академик Б. М. Юнусалиев жалпы эле «Манас» эпосуна карата: «Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген» (Юнусалиев Б. М. Кириш сөз. КВ, 1. 1), – деп жазган. Бул пикир «Манас» эпосунун эң көрүнүктүү аткаруучуларынын бири Саякбайдын вариантына да тиешелүү. Бир караганда Саякбай кыргыз элинин улуттук китепканасынын гана эмес, улуттук театрынын да милдетин аткарганга окшошуп кетчү. Угуучуну бирде кубантып, бирде ыйлатып, өзүнүн артынан термелтип отурган анын «Манасчынын» күчүнүн бир чети аткаруучулук чеберчилигинде болгон. С. Каралаевдин «Манас» айтканын уккандар: «Маңдайы бызда акын өзү эмес эле, ал айтып жаткан жомоктогу каармандар тургансыйт»,– дешчү. «Симфониялык оркестр сыяктанып, миң кубулуп, миң өзгөрүлүп, трагедиядан лирикага өтүп, лирикадан санатка өтүп, санаттан драмага өтүп, бир заматтын ортосунда бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде үшкүрүп, бирде кайраттанып, бирде кылкылдаган сан колдой дүбүрттөп, бирде тыптынч көлдөй тынып, бирде суу, бирде шамал болуп дайрадай ташып турган Саякбай Каралаевди Ч. Айтматов – акын гана эмес ал ошону менен артист да, композитор да, анын ар түркүн пластикасы, кыймыл динамикасы, анын ар бир образга жараша тапкан обондору кара сөзгө канат берип, таасирин алда канча күчөтөт» (Айтматов Ч. Каралаев жөнүндө ой жүгүртүү. «Советтик Кыргызс тан», 11-май, 1971) деген. Саякбайдын аткаруучулук зор таланты, ал айткан «Манасты» кыргыз тилин билбеген кишиге да түшүнүктүү кылган. Академик Козин карелфинн элдеринин атактуу эпосу «Калеваланын» басмадан чыккандыгынын жүз жылдык юбилейинде Саякбайдын «Манас» айтканын угуп: «Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын укканмын. Бирок Каралаев сыяктуу укмуштай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп, катуу таасирлендик», – деп айткан. 1960-ж. чыгыштаануучулардын жана 1963-ж. этнографтар менен антропологдордун Москвада өткөрүлгөн эл аралык конгресстерине катышкан окумуштуулар да ушундай эле катуу таасирленишкен. Ошол жыйындарга катышкан советтик адабиятчы Е. Лизунова М. Ауэзовго байланыштуу эскерүүсүндө минтип жазган: «Күрпүлдөп, ашып-ташып, тоо суусундай алга умтулган, миллион сап «Манас» эпосун жат билген, белине көрчөгөлөнгөн ак күмүш, жазы кемер кур курчанган, башына ак чокулуу Ала-Тоосу түспөлдөш кара кыюу ак калпак кийген, кыргыздын чыныгы улуу манасчысы С. Каралаев эпостун каармандарынын бири Семетей жөнүндөгү үзүндүнү кызуу аткарып жатты. Ал күчтүү, шаңкылд аган үн менен ырдап, бүркүттүн шаңшыганын да, тулпардын жүгүргөнүн да жаңсап туурай кетет, акын жана жоокердин артисттик колу тынымсыз кыймылда болуп, баатырлардын ач кыйкырыгы, кылычтардын шаңгыраганы, тулпарлардын дүбүртү аралаш угулган, душманга каршы чабуулдун, жан аяшпас беттешүүлөрдүн поэтикалык жандуу картинасын өзүн дал болуп тиктеген угуучулардын көз алдынан тартып өткөнсүйт.
Ырчы токтолгондо шаттыкка баткан элдин кыйкырык сүрөөнүнөн залдын ичи жаңырып чыкты. Өзү да жоо-жарагын шайланган байыркы баатырларга окшош С.Каралаевди япондор, арабдар, шведдер, америкалыктар, немецтер, француздар, түрктөр, индиялыктар кубанычтуу куттуктап жатышты. Карт досунун ийгилигине Мухтар Оморханович маңдайы жарыла кубанды» (Лизунова Е. В. Человек-легенда. – Мухтар Ауэзов в воспоминаниях современников. Алма-Ата, 1972, 283-б.). Демек, жалаң кыймыл-аракети, обондун ыргагы аркылуу да каармандардын типтүү элесин көз алдыга келтирип, баяндалып жаткан окуяны кыргыз тилин билбеген адамга түшүнүктүү кылып таасирлентүү үчүн Саякбай бүтүндөй бир чоң театрдын жүгүн көтөргөндүгүндө шек жок.
Саякбайдын варианты кагаз бетине түшүрүлгөн «Манас» эпосунун бардык варианттарынын ичинен, ага таан дык салттык окуяларды мүлдө камтышы менен айырмаланат. Ырас, Шапак, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Тоголок Молдо сыяктуу ага замандаш бир катар манасчылардан да трилогиянын үч бөлүмү тең жазылып алынган. Бирок алардын варианттарында эпостун бардык окуялары бир кылка эмес, бир эпизод кенен деталдаштырылып сүрөттөлсө, экинчи бир эпизод кыска айтылып, схема түрүндө берилип же айрым учурда таптакыр эскерилбейт. Саякбайдын варианты «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмдөрүнүн салттык окуяларын толук камтуу менен бирге анын бард ык эпизоддорун жетээр чегине жеткире кенен деталдаштырып сүрөттөлгөнү менен орошон айырмаланат. Ал турсун мурун эл ичинде белгилүү же анча белгисиз аңыз-уламыш түр үндө сакталып келген бир катар окуялар ды өзүнчө көлөмдүү эпизод кылып, ырга айландырып, өнүктүрүп айткан. Айрыкча, мындай көрүнүш үчилтиктин экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө мол кезигет. Мис., Кыястан жараланган Семетейдин кайып болуп кетиши жана кайра элге кошулушу («Семетей»), Желмогуз уулу Сарыбай менен согуш, Семетей, Бакай, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоронун кайып болушу, Сейтектин перинин кызы Берметке үйлөнүшү, Сейтектин Коңурбайдын тукумдары менен болгон согушу ж. б. («Сейтек»). Жаңыдан киргизилген жогоркудай орчундуу окуялардан тышкары Саякбайдын ва риантынын ар бир эпизодунда башка варианттарда жолукпаган толгон мотивдер, көптөгөн кейипкерлер, алардын иш-аракетин, кулк-мүнөзүн, кимдигин сүрөттөгөн баяндардын орун алышы менен да сюжети окуяга бай. Саякбай элдик идеал ды алып жүргөн башкы оң каармандар гана эмес, алардын негизги душмандары – терс каармандарга, ал түгүл экинчи пландагы кейипкерлердин да ар биринин сырткы портретине, сын-сыпатына, кулк-мүнөзүнө кеңири токтолуу менен ар биринин өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрүн ачат. Ал каармандарды толук сүрөттөө максатында минген атына, кийген кийимине, урунган курал-жарагына, көпчүлүк учурда ата-теги, эли-жерине кеңири токтолот. Каармандын курал-жарагынын сырткы көрүнүшү, укмуштуу сапатына гана эмес, аны ким кантип жасаганы, каарман ага кандайча ээ болгондугу толук баяндалат. Каармандын портреттик мүнөздөмөлөрү көпчүлүк учурда ондогон ыр саптар менен кеңири сүрөттөлсө, керек учур да анын мүнөзүндөгү негизги белгини «отко салса күл болбос, жоого түшсө күң болбос кайран энең Каныкей» деген сыяктуу өтө таамай, так белгиленген афоризм түрүндөгү өтө кыска ыр саптары менен да берет. Каар мандардын жалпы портреттик мүнөздөмөсүнөн башка да, анын ар кыл психологиялык абалындагы көрүнүшү (каардангандагы, кайгыргандагы, кубангандагы, корккондогу) ар дайым элестүү, терең сүрөттөлөт. Мис., «Асты жагын караса, алты миң эрдин сүрү бар, артын сала бергенде ажыдаардын түрү бар» айкөл Манастын «бетине чыккан каары беш байпактык түк болуп», «өрттөй көзү бек жайнап, кан ичкиси бек кармап», «кара чаар кабылан капталында чамынып, чолок көк жал арс тан жара тартчу немедей бөйрөгүндө камынып», «жоону качыра бергенде беттешип пенде келбеген» каарданышы анын чыныгы баатырдык сынын толук ачуу менен, демейдеги төмөнкүдөй көрүнүшүнөн кескин айырмаланат:
Асман менен көгүңдүн
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Асманда ай менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Көктө мунар булуттун
Салкынынан бүткөндөй,
Аңырайган өзөндүн
Алкымынан бүткөндөй,
Он эки дайра бириксе
Шар жеринен бүткөндөй, Адам барбас туу белдин
Чоң жеринен бүткөндөй.
Албетте С.Каралаевдин вариантында каармандардын мүнөзүн ачуу, көркөм образын жаратуу жогоруда саналып өткөндөр менен чектелбейт. «Делебени козгогон көркөм ырлар аркылуу сүрөттөлгөн жердин, суунун, тоонун, жаныбарлардын кызык сүрөттөрүн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбадан такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган арман, керээз, кошокторду учуратууга болот. Ушулардын баары эпостогу каарм андарды мүнөздөөгө, алардын образдарын дааналап ачууга чебердик менен пайдаланылган» (Юнусалиев Б. М. Кириш сөз. КВ, 1. 4). С.Каралаевдин вариантындагы каарман башка варианттардагы ошол эле каармандарга окшош, бирдей айтылуу менен бирге мүнөздөрүнүн айрым жактары жагынан жалгыз ушул вариантта берилген өзгөчөлүктөргө да ээ. Мис., Каныкей көпчүлүк варианттарда акылман, сарамжалдуу, уз сыяктуу сапаттарга ээ болсо, С.Каралаевдин вариантында башына туулга кий ип, колуна найза алып душманын беттеген баатыр дагы. Кыз кезинде жеке беттешүүдө Чубактын айласын кетирсе, Манаска келгенде да, нечен сапар эр кийимин кийинип, баатырдык иштерге аралашат, Манасты өлүмдөн сактап калат. Мындай эрдик сапатка Алмамбеттин энеси Алтынай, Манастын карындашы
Карлыгач, «Сейтек» бөлүмүндө Айчүрөк да ээ. Жалпысынан алганда бул вариантта аялдар баатырдыгы жагынан эркектерден кем калышпайт, кээде алардан артыктык да кылат. Мис., Манасты жеңип коё таштаган Сайкал, эч кимдин алы жетпеген Сарыбайды жеңген Куялы, кытай чегин кайтарган Канышай, Манастын карындаш ы Карлыгач – ушул типтеги аял баатырлар. С.Каралаевдин вариантынын эпикалык кең масштабдуулугу жеке каармандарды сүрөттөөдө гана эмес, жалпы турмушунун сүрөттөлүшүндө да айкын көрүнөт, б. а., «Манас» эпосу революцияга чейин ки кыргыз элинин турмушунун бардык жагын камтыган энциклопедиялык чыгарма экендигин С.Каралаевдин варианты толук ынандырат. Саякбай согуштук эпизоддорду эң күчтүү сүрөттөө менен бирге элдин жай турмушунун бардык жагын кеңири камтыйт. Мында кой-козу (Манастын балалык чагында Ошпурда жүрүшү), жылкы (Күлчоронун Кыястын жылкычысы болушу), төө (Бакайдын Манас өлгөндөн кийин төө багышы) багуу; эгин эгүү (Манастын буудай эгип Аккуланы сатып алышы), устачылык (Бөлөкбайдын Ма настын курал-жарагын жасашы), узчулук (Ман астын кийимин даярдашы) сыяктуу элдин тиричилигинин негизги булагы эмгек жөнүндөгү баяндардан тартып, медициналык (Момунжандын Күлчорону айыктырышы, жоодон жараланган баатырларды дарылоо), географиялык (жер-суу аттары, табигый байлыктары менен жан-жаныбардын сүрөттөлүшү) түшүнүктөрүнө чейин берилет. Элдин эски үрп-адатын, каада-салтын камтыган этнографиялык материалдар да айрыкча мол. Ырас, булар башка варианттарга да мүнөздүү көрүнүш, бирок Саякбай аларды кеңири, деталдаштырып сүрөттөйт. СКВда үчилтиктин биринчи бөлүмүнөн экинчи, үчүнчү бөлүмдөрү баяндоонун көркөм стили жагынан бир кыйла айырмачылыкка ээ. Биринчи бөлүмдө баатырдык тема жетектөөчү роль ойносо, «Семетей» бөлүмү лирика-эпикалык жанрдагы чыгарма катары эсептелип, лирикалык мотивдер орчундуу орун ээлеп, патетикага, баатырдык рухка азыраак көңүл бурулат, эпостун кийинки бөлүмдө рүнүн стилистикалык курулмалары өзгөрүп, диалогдорго, лирикалык маанайдагы монологдорго, өткөндөгү окуяларды кайра баштан эскерүүлөргө, армандарга кеңири жол берилет. С.Кара лаевдин вариантынын «Манас» үчилтигинин идеялык-көркөмдүк биримдиги анын генеалогиялык принципте циклдештирилүүсүнөн да, ар түрдүү көркөм каражаттардын, образдар системасынын өтмө катмардуулугунан ар дайым көрүнүп турат. Бакай, Каныкей сыяктуу айрым каармандар үчилтиктин үч бөлүмүндө тең, ал эми айрым каармандар биринчи, экинчи же үчүнчү бөлүмдө активдүү катышып, бөлүмдөрдү өтмө катар чырмалыштырып, алардын ортосундагы биримдикти бекемдейт. Каармандардын образы дайыма эволюциялык өнүгүштө болуп, терең иштелген образ кийинки бөлүмдөгү тарыхый шартка, кырдаалга ылайык жаңы түс, сапаттарга ээ болот. Мисалы, Каныкей биринчи бөлүмдө элдик баатырдын өзүнө тете жары катары акыл мандыгы, адамкерчилик ишмердиги, сарамжалдуулугу жерине жеткире сүрөттөлүп, образды мындан ары тереңдетүүгө, андан ары өнүктүрүүгө мүмкүн эместей деңгээлге жеткирилет. Бирок «Семетей» бөлүмүндө жаңы шарт, жаңы кырдаалга ылайык анын мүнөзүнүн жаңы жактары ачылат. Не бир трагедиялуу учурда да бел алдырбаган, мүңкүрөп калбаган кайраттуулугу, туруктуулугу, эң бир кыйын шарттардан арга таап чыгып кеткен акылман айлакерлиги, феодалдык-патриархалдык адеп-ахлактык жосунсуз салттарына каршы ачык күрөшкө чыккан имандык бийиктиги, баласына чексиз берилген энелик мээрими, көрөгөч тарбиячылыгы ушул бөлүмдө өзгөчө бир күчтүү көрүнөт. Ошондой эле Каныкейдин ар кандай социалдык шартт агы абалы: кандын кызы, эл башчысынын сүйүктүү жарынан куу тагдырынын айынан баласын корголотуп, жер которуп баш калкалаган таалайсыз жесир аял, торпок баккан күңдүккө чейин башынан кечирип, өмүрүнүн ар кыл мезгили – секелек эрке кыздан чачы куудай кемпир болгонго чейинки өзгөрүүлөр үчилтиктин бөлүмүнөн бөлүмүнө ырааттуу эволюциялык өнүгүштө берилет. Каныкейдин ар тарабынан эң терең иш телген оригиналдуу образын жаратууда Саяк бай өзгөчө чыгармачылык сүйүү менен зор эмгек эткен.
Үчилтикте каармандардын образы бөлүмдөн бөлүмгө өтүшү бирде түздөн-түз болсо (мис., Каныкейдин образындай ар бир бөлүмгө катышып), бирде жабык түрүндө да болот. Мисалы, Алмамбет, Чубак биринчи бөлүмдө гана катышканы менен алардын ишин, жолун түздөн-түз улантышкан Семетей, Күлчоро, Канчоролордун кийинки бөлүмдөрдө катышышы, алардын образы жаңы кырдаалда, жаңы шартта, кандайдыр бир жаңыча көрүнүшү, чагылдырылышы катары таасир калтырат. Айталы, Семетейдин сырткы келбети, кийим-кечеси, курал-жарагы, минген аты, салган кушу, ээрчиткен тайганы, ал турсун фантастикалуу мифтик колдоочулары Манастан оошуп келип, манасчынын сөзү менен айтканда «Манас канды тирилтип» койгондой элес калтырат. Бул каармандардын кулк-мүнөзү да, ой-максаттары да бирдей. Ошондуктан, бул образдар – бир эле учурда өздөрү жашаган доордун типтүү мүнөздөрүн чагылдырган өз алдынчалыкка ээ болуу менен бирге эле бирин бири толуктаган жаңы кырдаалда, шартта жаңыча жаралган образдар. Мындай учурда мурдагы образдын аягына чейин иштелбей мүнөзүнүн толук ачылбай калган жактары кийинки образдарда ишке ашырылат, тереңдетилет. Ушул планда Күлчоро менен Канчоронун образдарын аталары Алмамбет, Чубактардын образдарына салыштырып кароо кызыктуу. Күл чоро атасы Алмамбеттей эле достукка терең берилүүнүн, ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтөт. Ал ар кандай кырдаалда Семетейди таштап башын ала качпайт, бардык учурда анын кыйын иштерин (ал турсун Семетейд ин өзү аткара албаган иштерин да) айлакердикке, ыктуулукка салып аткарат, б. а., Алмамбетке жүктөлгөн элдик идеалды жаңы кырдаалда, шартта алып жүрүп, аны дагы тереңдетип, дагы ачык көрсөтөт. «Манас» бөлүмүндөгү Чубак «алышса адамдын күчү жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн» баатыр, Манастын ишенимдүү тирегинин бири, бирок анын мүнөзүндөгү кара мүртөздүк, оюн кишиге бербеген өзүмчүлдүк бар экени эскерилет. Кээде мүнөзүндөгү ушул жактары жакын адамдары менен конфликтиге чейин алып барат (Чоң казат мезгилинде Алмамбет менен жол талашканы, Манаска таарынып, аны чаап ал деп Коңурбайга кат жазганы). Атасы Чубактын жакшы жактары (баатырдыгы, балбандыгы) менен бирге кемчиликтери да Канчорого мурасталып калат. Мүнөзүнүн ушул терс жагы жаңы шарт, кырд аалга ылайык тереңдеп отуруп, акыры өз жакындарына ачык чыккынчылыкка чейин алып барат.
Дегинкисин айтканда, айрым каармандардын «Манас» бөлүмүндө анча ачылбай, жашырынып астыртада жаткан терс мүнөздөрү «Семетейде» дааналанып, ачыкка чыга келет. Ага бул бөлүмдүн чагылдырган доору – таптык жиктелүү күч алган феодалдык-патриархалдык коом мүмкүнчүлүк берет. Коомдогу, таптык жиктелүүдөн, феодалдык ( бытырандылыктан пайдаланган ач көз Жакып, бузуку Кыргылчал, өз уруусунун гана кызыкчылыгын көздөгөн Чын кожо, Толтой, мурда кимдиги ачык билинбеген Абыке, Көбөш ж. б. өзүмчүлдүк, мансапкорлук арам ойлорун ишке ашырыш үчүн жаңы күч менен чыгышат. Ошондуктан, «Манас» бөлүмүндө чачылып-чабылып, ар кайда жашап жүргөн элдин башын кошуу, ата журттун көз карандысыздыгы үчүн сырткы баскынчы жоо менен күрөшүү негизги сюжеттик өзөктү түзсө, «Семетейде» ал тема экинчи планга жылдырылат. Анын ордуна элдин ыркын кетирип, биримдигин бузган ички душмандар, бийлик, байлык талашкан жакын туугандар, жамаатташ уруулардын башчылары менен күрөшүү негизги теманын бирине айланып, чыгарманын негизги идеясы элдин биримди гин сактоого багытталат. Мындан «Семетей» бөлүмү кыргыз уруулары өздөрүнүн бир эл экенин алгач аңдап, өз ара баш кошууга умтулуусун чагылдырган «Манаска» салыштырганда коомдук өнүгүштүн алда канча кийинки этабында, феодалдык бытыранд ылыктын тушунда пайда болгонун көрүү кыйын эмес. Кыргыз коомчулугу XIX кылымда эле феодал дык бытырандылык доордо жашап келишкендиктен, «Семетейде» баяндалган окуялар аларга түшүнүктүү болуп, анын ички биримдикти сактоо идеясы элдин жүрөгүнө өтө жа кын болгон. «Манас» эпосунун башка варианттарындай эле С.Каралаевдин варианты чылк ырдан туруп, ыр куруунун түрдүү техникасы колдонулгандыктан формасы өтө бай. Анда кыргыз ыр түзүлү шүндөгү уйкаштыктын бардык түрлөрү (кайчы уйкаш, эгиз уйкаш, аттама уйкаш, аксак уйкаш, туташ уйкаш) учурайт. Ырдын техникалык жактан кооздугун, көркөмдүгүн түрмөктүн аягындагы уйкаштыктар менен ка тар сап башындагы жыш кездешкен уйкаштык аллитерация да арттырып турат. Уйкашты чебер колдонуу «Жырык кара уй берип, Жыртык кара үй берип» деген сыяктуу укмуштуу уйкаштыктардын пайда болушуна алып келген. Уйкаштыруунун өтө татаал формалары строфанын башындагы уйкаштык (аллитерация) менен строфанын аягындагы уйкаштык бир учурда колдонулушу гана эмес, строфанын ичинде уйкашпай калган бир да сөздүн жоктугу өзүн суктандырбай койбойт. Саякбай «Манас» эпосунан башка да элдик оозеки чыгармалардын көптөгөн үлгүлөрүн жакшы билген. Ал айткан түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин бир тобуна ортоктош белгилүү «Төштүк» эпосу элге кеңири тарап, кыргызча бир нече жолу жана орусча жарык көргөн. «Төштүк» эпосунун түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин арасында сакталган варианттарынын, версияларынын ичинен Саякбай айткан варианты окуяларды кеңири камтыган масштабдуулугу жагынан да, көркөмдүүлүк жагынан да эң мыкты үлгүсү катары таанылып, Парижде француз тилинде жарык көргөн. Саякбайдын мындан тышкары «Азапты көп көргөн Кубат» (1958), «Бакытай балбан» (1961), «Делдеш баатыр» (1957), «Канаттуу куштар» (1959), «Кара молдо» (1962), «Томор мерген» (1965), «Унутулгус күндөр» (1967), «Эстен кетпейт» (1957), «Бүркүттөр» (1952) деген сыяктуу көркөмдүк жагынан жогору турган чыгармаларды жараткан. Саякбай үч жолу Эмгек Кызыл Туу жана Ардак белгиси ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн меда лы, грамоталары менен сыйланган.
Райкул САРЫПБЕКОВ
ЖУСУП МАМАЙ
Жусуп Мамай Какшаалдагы чериктердин кызылтукум уруусунан болуп, анын атасы Мамай эмгек иштеп адал колдуу мал-пул таап, турмушун жыргап өткөргөн адам болгон, ал Мекеге барып, тооп кылып Ажы болуп келген. Көп жерлерди көрүп, көп үйрөнүп, көп билип, айылдагы атактуу табып болуп таанылып, көптөгөн кеселдерди оорудан айыктырган. Жусуптун энеси Бурул көп балага курсак көтөргөн болсо да, чоң уулу Балбай, ортончу кызы Ырапкандан бөлөктөрү турбаган. Абышка-кемпир кыйла картайып калганда Мамай Ажым кемпири Бурулду ээрчитип алып, мазарларды тайып, Арашанга түшүп келүү үчүн Тур пан, Кашкарларга барышат. Ошол жолку узак сапардан кайтып барган соң 60ка чыккан Бурул эне бойкат болуп 61 жашында Жусупту төрөп, ал Мамай Ажымдын 17 баласынын эң кенжеси болуп калат. Бул 1918-жыл, жай мезгили эле. Ал чакта Мамай Ажым азыркы Кызылсуу Кыргыз Автоном обулусу Акчий ооданынын Карабулак айылы Меркечтин Ат жайлоо деген кыштоосунда турчу экен. Ал өзү салдырган эки ооздуудан эки башка чалма там менен кичинекей мечитин коргондоп, баласы Балбай менен чогуу олтурган. Жусуп төрөлгөндө Балбай 26 жашта болуп, Ма май Ажым жашы улгайып кеткендиктен Жусупту көбүнчө Балбайдын багуусуна койгон. Жусуп энеси Бурул баштаган Калдык, Мырзакан, Сайракан катарлуу төрт аялды ээмп, эне сүтүнө абдан канат.
Жусуп Мамай кичинесинен зээндүү, тирикарак, сүйкүмдүү бала болуп чоңоёт. Ал 6 жашка чыкканда Мамай Ажым баласын молдого окууга бермек болот. Ошондо ал: «Мурунку өткөн баатырлар 9 жашында жоого аттанып чыкчу экен. Мен сени алты жашыңда молдого берип жатам. Көзү ачылып кат окусун, жомок, дастандарды окуй көңүлү өссүн, мен өлөмбү же энең өлөбү, бизге ыман айткыдай болуп калсын деп ойлодум. Какшаалдын көкүрөк жагында китепти шар окуган, катты ачык, жакшы жазгандан Балбай агаң баштаган саналуу гана адам бар. Алар да ушул Ыстам кожонун таалымын алып, жакасы кирдебей, жаны кыйналбай иш акысына тай алып, кой алып жүрөт. Сен да жакшы окугун» – дейт.
Ушинтип Жусуп Ыстам кожонун колунда 9 ай окуп эле кат таанып, сабатын чыгарат. Андан кийин Кашкар Кайрактык Назаркары, Кашкар Бешкиремдик Үсөнакун деген молдолордон куранды кайталап окуп үйрөнүп, өлүк-тирик намаздары менен дыйканчылыктын аят-касийделерине чейин үйрөнүп алат. Булар Жусуп Мамайдын болочокто ислам динин жакшы билип, Мекеге барып, Ажы болуп келүүсүнө жана касийда окуп, кеселдерди айыктырышына себеп болот.
Жусуп молдодон сабатын чыгарып, кат таанып, китеп окугудай болгондо агасы Балбай берген «Манастын» кол жазмаларын окуй баштайт. 8 жашка келген Жусуптун санаксыз жай, кыш түндөрү шам чырактын түбүндө, чилдеде тоңбой, күркүрөп аккан Атжайлоонун көк кашка суусунун коштоосунда улуу эпосту кунт коюп окуу менен өтөт. Жусуп кичинесинен эле китеп окууга кумар болгондуктан «Манасты» окуп, окуган жомогу көңүлүнө жат кала баштайт. Жусуп эл аралап, агасы Балбай жержерлерден алдырып келип топтоп койгон китептерди да окуйт. Анын ба ла кезинен жактырып окуган китептери «Шаймаран», «Залзал», «Заркум», «Кэрбала», «Үрүстөм», «Султан Сейит бадалказы», «Камус Аалем», «Абдумуселим Марози», «Миң бир түн», «Муңдук-Зарлык», «Жаныш-Байыш», «Кыз Жибек», «Тайыр-Зохра» сыяктуулар болгон. Бул ки тептерди Жусуп кайра-кайра окуп, дегеле зериккен эмес. Ал китеп окуса, ушул күндө да арып-ачканын унутуп калат. Жусуп Мамай китеп окуу менен дүйнөгө болгон таанымын күн сайын арттырып, дүйнөнүн эмне экенин, жашоонун эмне экенин анык билип, көркөм адабияттан үзүрлөнүүнү жана анын адамзатка болгон ролун абдан туюна баштайт. Атасы Мамай да китеп кумар адам болгон. Ал дайыма убакыт чыгарып, байбичеси Бурулду жанына олтургузуп алып, Жусупка Балбай берген «Манастын» кол жазмаларынан окутуп, баатырлардын жомогунан күн-түн дебей угуп турушкан. Жусуп да зерикпей кайра-кайра окуп берген. Жусуптун өзү да «Манас» окууну аябай жакш ы көргөндүктөн окуган сайын окугусу келип шыктанып, көп окуган жерлерин өздөштүрүп, көңүлүнө жат боло баштайт. «Бала кезинен «Манас» окугандан, жомок айткандан башка жумушка кыйыктанып баруучу», – дейт бир үйдө чоңойгон Балбайдын тун баласы Жакып. Буга караганда Жусуптун «Манаска» болгон ынтаасы наристе чагынан эле дилине уюганын көрүүгө болот.
Жусуптун улуу байбичеси Селикан (1995-жылы 80 жашта) мындай дейт: «Мен 12 жаштагы ойноп жүргөн секелек кыз элем. Жусуп ошондо 10 жаштагы кубаңкы тарткан бала экен. Бизге нике кыйдырып, той берип үйгө киргизип коюшту. Биз экөөбүз тең бала болсок да эр-аял аталып, бир үйдө жашап калдык. Жусуптун башында да йыма кол жазмалар жаздалып жатчу. Ал бир укканын эгерим унутуучу эмес. Ошого ал эмгиче акылы тунук турат. Үйгө конок көп келип туруучу. Малдар жаңыланып союлуп, таң атканча кайнагам элге жомок айтып, кызык кептерди салып берүүчү. Он жылдар өткөн соң Жусуп да үйгө турбас болду, үйдө турса да анын артынан издеп келип, аны бошотпой кеп салдырып, жомок айттыруучулар көп болду. Эми ойлосом ошондо «Манасты» элге айтып берүүчү турбайбы».
Жусуп «Манас» менен эң алгачында ары агасы, ары устасы, ары баккан атасы Балбайдын кол жазмасы аркылуу таанышат. Ал окугандан жат ала баштаганда Балбайд ын төтөлөй көмөк көрсөтүүсүнө ээ болот. Жусуп Балбай дын талабын таза аткаруу үчүн «Манастын» кол жазмасын кайталап окуп, мазмунуна абдан түшүнүп, жакшы-жаманды, оң-солду анык билген соң, анан жаттай баштайт. Ал Балбайдын «Манасты» кандай айтуу шарттарын: баяндоо ыкмасы, обону, аракети, манасчынын өң-түрү, тил көркөмдүгү жагынан көрсөткөн өрнөк төрүн көңүлүнө бекем түйөт. Ал кээде агасы Балбай «Манастын» жомогун айттырып сынаганда өзүндөгү чечендикти ашкерелеп, «Ма насты» сүрдөбөй айтып, агасынын ыраазылыгын алып турат. Балбайдын манасчылык өнөрү менен Балбай аралашкан залкар манасчылардын манасчылыгы эң жакшы өрнөк болуп, Балбай аркылуу Жусупка жалгашып, табына уюп отурат.
Манасчылык өнөрүнүн оор милдети балапан кезинен Жусупка жүктөлүп, Жусуп «Манасты» жан дүйнөсү менен сүйгөндүгү үчүн ал кайра-кайра окуп, кайра-кайра жатка алып жүрүп он канча жашында агасы Балбай берген «Манастын» 8 урпагынын жомогун түгөл үйрөнүп алат. «Манаска» баш-оту менен кирген Жусуп өспүрүм чагынан 30 жашка чыкканча үргүлөп кетсе эле түшүндө «Манас» айтып чыгат. Ата-энеси Жусуптун бул сырын билгендиктен, жат кишилерди Жусуп жаткан үйгө кондурбайт. Жусуп он жаштагы кези, атасы Мамай Мекеге барып келип, анча узак өтпөгөн бир күнү дал түш маалында айылдагылар эшикте мал саап, Мамай Ажым кемпири Бурул менен төрдө аңгемелешип олтурганда Жусуп үйдө «Манас» окуп жатып үргүлөп уктап кетип түш көрөт. Түшүндө намазшам мезгили экен. Бир жайдак кара буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтөле чоң киши Жусуп эшикке чыгуусу менен алдында пайда болот. Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт. Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» – дейт. Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутба жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен. Бирөөнүн мин гени кара көк ат, бирөөнүн мингени сарала ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш. Ошондо баштак ы кара чаар, чоң ооз киши Жусупка сүйлөп, атчан адамдарды тааныштырат: «Тээтиги эң алдында турган эки кишинин бирөө Манас, бирөө Бакай. Алардын аркасындагы эки кишинин бирөө Алмамбет, бирөө Чубак. Тиги эң артындагы жалгыз атчан Сыргак болот. Мен Ырчы уул бо лом. Ажыбай аркада калды».
Артына кылчайып карайын дегенче Жусуп ойгонуп кетсе түшү экен. Жанында олтурган энеси: «Эмне болдуң, балам?» – деп сурайт. Жусуп түш көрдүм дейт. Мамай аялын бир козу алып келүүгө жумшайт. Айылдакыларды бүт чакырып, козуну союп түлөө берип, элден бата алынып болгон соң үйдө Мамай, Бурул, Балбай, Жусуп төртөө калат. Мамай: «Ээ, балам, эмне түш көрдүң айтчы»,– дейт.
Жусуп көргөн түшүн айтып берет. Угуп болгон соң атасы Мамай мындай дейт: «Балбайды иним Мамелек багып чоң кылган. Балбай да «Манас» чогултуп, «Манас» окуп жүрүп, Сазөтөктө ушуга окшош түш көргөн экен. Иним Мамелек да козу союп, түлөө берип, элдин батасын алган. Эми бүгүн Балбай «Манас» айтып, «Манастын» жомогун топтоп жүрөт. Сен да «Манастын» жомогун жакшы окуп, жакшы үйрөн» – дейт.
Арадан бир топ мезгил өткөн соң, Мамай Ажым баласы Жусупка дагы мындай насаат айтат: «Манас деген тирүү олуя, жаш киши жакшы-жаман иштерге көп жолугат. Сен эгерим касийдечилик кылба, жашың кырктан ашмайынча, эл ичинде «Манас» айтпа. Жусуп 16 жашында атасы Мамайдан жетим калат. Агасы Балбай коомдук иштерге аралашып, сыртта көп жүрөт. Ушинтип үй-бүлөлүк турмуш менен күнүмдүк жашоосунда руху азыкка айланган «Манас» Жусупка калат.
Жусуп Мамайдын манасчылыгы
Жусуп атасынын насаатын көңүлүнө бекем түйүп, «Манасты» билип, айткысы келип турса да, эл ичинде айтпай жүрөт. Бирок мындай сыр сактоо жагдайы «Манастын» кудуреттүү күчү жагынан жоюлат.
1936-жылы Какшаалдын чыгыш жагындагы Бедел ашуусуна таш жол жасоо жумушу башталып, жер-жерлерден таш жолго иштегени келген адамдар чогулат. Бедел таш жолун Дубана зуң Шаңя деген адам башкарат. Ал Жусупту өзүнө катчы кылып алат. Күндүз жапалуу эмгек иштеп, аябай арып-ачып чарчаган эл кечкурун эс алганда ар түрдүү оюн-тамашага берилип ардык чыгарышат. Таш жолчуларды башкарып тургандар бир жерге топтошуп алып, Жумакун Мамбетакун менен Жунус Алыбай деген эки кишини «Манас» айттырат. Ошол кездерде Жусуп уктап жатып кээде түшүндө «Манас» айтып чыкчу экен. Аны Дубана Шаңя да билчү экен. Бирок аны жаш бала деп аяп, көпчүлүк ичинде «Манас» айттырган жок. Жума кун Мамбетакун менен Жунус Алыбай күнүгө алмаксалмак иштегендерге «Манастан» үзүндү айтып беришет.
Андагы Жумакундун айтканы «Алмамбеттин чалгында жерин көрүп, Сыргакка айткан арманы», ал эми Жунустун айтканы «Алмамбеттин Көкчөдөн Манаска келиши». «Ма нас» айткысы келип туталанып бук болуп жүргөн Жусуп күнүгө кайталанып айтыла берген бир эле мазмунду уга берип жигери кайнап, чыдабаганда бир күнү бозону аябай ичип алып, Жумакун айтып токтогон жерден эле эриксиз түрдө улап айта баштайт. Жусуптун «Манасты» биле турганын дегеле укпаган эл таң калышат. Ошондо Жусуптун 18 жаш курагы болуп, бул анын өмүрүндө ооз ачып, «Ма насты» эл ичинде тунгуч айтышы болот. Жусуп ошол алгачкы айтышында Жумакун айтып токтогон «Алмамбеттин арманынан» улап 7 күн айтып, Манас баатырдын өлүмүнө алып келип токтотот. Анан Жунустун айтканына «Алмам беттин атасынан көөнү ооруп, Көкчөгө барганын» кошуп айтат. Элдин баары дүрбөп, «Манас» угабыз деп ар күнү түндөсү уктабай тыңшайт. Жусупту баары бирдей: «Бул бала ушул жашында ушундай айтса келечекте чоң манасчы болгудай» – дешет. Бул Жусуптун тунгуч ирет эл жагынан «манасчы» деген улуу атакты алышы эле.
Көп өтпөй Бедел таш жолунун иши токтотулуп, иштегени келгендер жер-жерине кайтып кетет. Жусуп да Меркечке кайтып барып, жаңыдан курулган Меркеч мектепте мугалим болуп иштейт. Жусуп Меркечтин жаңы урпактарына сабак өткөндө «Манасты» жомоктоп айтып берет. Балдардын көңүлүн «Манас» аркылуу өзүнө тартып, алардын жакшы окуусуна дем берет. Жусуптун «Манасты» ары жакшы, ары көп айта турганы кулактан-кулакка түшүп, элдин көбү кабар табат. Алар баш кошуп чогулуша калганда Жусупту чакырып, ага жалынып-жалбарып «Манас» айттырып угушуп, моокумун кандырышат. Эл күн-түн Жусупка тынчтык бербей жомок угабыз деп артынан түшүп алганда ал да элдин назарын сындырбай айтып берет. Жу суп элдин көзүнө бат эле чалдыгып, манасчылык өнөрү жаш туруп ашкереленип, элге таанымал болуп калганына ичинен саал чочулайт. Атасынын «кырк жаштан ашмайынча Манас айтпа» дегенин эстен чыгарып, өзүнүн мезгилсиз балалык кылып койгонуна өкүнүп өзүн жемелеп, жаш курамы шартка толмоюнча «Манас» айтпастык оюна келет. Бирок атагы чыгып, эл ичинде дүң болгон Жусуп элдин үмүтүн суутуп коюуга аргасыз болот. Эл Жусупту үйүнө чейин кууп барат. Бул тууралуу кызылтукум уруусуна келин болгон Малийке Балбык кызы (1995-жылы 72 жашта) мындай дарек берет: «1932-жылы көктөм мезгили эле, ууз кымыз чыкканда эл-журт ыраак-жакындагы урук-туугандарын чакыртып, чогулуп кымыз ичмек болушту. Мазардын эки өтөгү жык толгон 20 үйлүүчө киши бар элек, айран-каймакты дегеле көп чогулттук. Эл да кайкалап көп келди. Эл төштө аккан арыктын асты-үстү жагында каргадай конуп олтуруп арык, узун бойлуу сары баланы «Ма нас» айтып кой деп жаалап жатышат. Биз келиндер үйдү жыйнаштырып, боз үйдүн туурдугун түрүп коюп шыкаалап, тиги бала «Манас» айтат экен деп турабыз. Ошондо ал бала: «Жакшыраак айталбайм, мурун айтканым жок, мен үйрөнүп алалбадым», – деп болбой жатат. Эл колунан кармап: «Балам, сени жакшы айтат деп уктук. Жашыбызды берели, батабызды берели, айтып кой», – деп жатышат.
Бала дегеле болбой койгондо кызылтукумунун аксакалы Чаргын абам капаланып: «Өз колубуз менен чоңойтуп койдук, каадаланбай айтып кой дегенде айтып кой, уйча мөөрөсөң да!» – деди эле, бала: «Билген жерим бар» – деди. Калган эл да айтып кой деп чуркурашты. Акыры ба ла «Манасты» обонго салып айтып калды. Эл бирдей: «Ой, бегирээк айт, угулбай калды», – деп чуркурашты, ошондо бала үнүн бийиктетип, шаңдуу айтты. Алдына тердик салып беришти. Эл сууга түшкөн таштай тынчып угушту. Түш оогондо эл бир аз эс алды, ошондо Мамеке абабыз: «Балам, коңур үнүңө салып айт чы, үнүң буулугуп баратат», – деди. Бала эртеси кеч бешимге чейин айтты. Бул узун бойлуу, арык бала Жусуп агам эле. Ошондо 19 жаш та болсо керек. Эл «Манас» тыңшап отура берип, кыйла үйлөрдүн сааны саалбай, үйү жыйналбай, малдарын чогултуп алышпай кокуйлап калышкан. Экинчи ирет «Ма нас» айтканын укканым 1946-жылы болду. Секи өтөктө турдук, жайдын күнү керүүдө элдер тегеректеп олтуруп алып, Жусуп Мамайды «Манас» айтып кой деп күүлөшүп, бири: «Чоң, казаттан айт» – десе, бири: «Тай торуну чаптыр» – деп жатышат. Ошондо Жусуп күрпүлдөп айта баштады. Өңү башкача сүрдүү, эки колу тынбай аракетте, шилекейи оозунан атып турат, үнү андан да кубулжуйт, тунук үнү зыңгырап чыкчу. Күн жайылып, кымыз ичип болгон соң баштап айтып, таңды аппак аттырып эртеси арып-талып калгыча айтып, анан жатып калды. Үчүнчү ирет укканым 1952-жылы болду. Жумалы деген бир кадр Карабулакка жыйын ачмак болуп элди чогултту. Секиөтөк, Балкантоо, Мойназөтөк, Арал, Астынкы Секи, Үстүңкү Секи, Көкжон, Мүрөк, Жантык деген айылдардан калбай эл топ келди. Жыйында: «Өлкөнүн азат болгонун, элге жарык күн тууганын, жаңы бир өкүмөт курулганын айтып, пар тия жашасын» – деп сүйлөдү, жыйындан кийин Жусупту «Манас» айттырды. Жусуп «Манас» айта баштаганда элдер үңүлүп биринин алдына бири өтүп орун талашып демитип турушту. Бир күн «Манас» айтып, эртеси түшкө чейин дагы айтып берип, кетип калды. Дайыма үйгө сыйлуу конок келип калса, жай кымыз ичкенде, кыш согум сойгондо болсун урук-тууган, эл-журт: «Жусупту ырдатаарга күн барбы? Ошондой болсо кандай сонун болор эле?» – деп турушчу. Жусуп жомокчу эле болуп калбай, таланттуу жамакчы болгон. Айылдагы жакшы-жаман иштерди карап туруп жамактап ырдап койчу».
Жогоруда айтылгандан Жусуп элдин көңүлүн жерде калтырбай «Манас» айтып, элдин дилин жарытып, батасын алып турган. «Манасты» көп ирет күн-түн улап айтып жүрүп тили жатыкташып, мүнөз жагынан да «Манас» айтпаса буулугуп, кыялданып калчу мүнөздү жуктуруп алат. Ал кээде «Манасты» буркан-шаркан түшүп айткысы келип, жагдай болбогондо адам жок ээн талаага барып кангыча айтып, черин жазып келет. Бул чактарда Жусуп такшалган манасчылардай жетилип толот.
1945-жылы Жусуп Сомташтык Мамбеттокто Саяк деген манасчы менен басакеге түшкөн. Бул эки манасчы бир инин жомогун бири угуп, биринин манасчылык өнөрүн бири көрүп сындашып багуу үчүн «Алмамбеттин өлүмү» деген мазмунду айтышкан. Жусуп Мамбеттоктону жеңип алат. Бул чактарда Жусуптун манасчылык өнөрү небак бышып жетилип болгон кез. Угарман эл «Манасты» кайсы жеринен айт десе, эч качан ойлонуп, жазалап жүрбөй эле жомокту таң баштан айтып, элди ыраазы кылып, өзү да урмат-сыйга чөгүп турган. Бул кезде Какшаал өрөөнүндө Жусуптан бөлөк көп эле жомокчу, манасчы (мурдагы манасчылардын балдары, туугандары, шакирттери) болсо да эч кимиси батынып Жусуп менен топ ичинде ашкере «Ма нас» айтуу басакесине түшкөн эмес. Жусуп угарман эл чыдап олтуруп берсе эле канча күн-түн жаагы талбай айта берген. Мындай «Манас» айткан убакта Жусуптун өңү түрлөнүп, үнү андан кубулуп, өзгөрүп, оозунан ак көбүк атып чыгып, аракетте болуп күүлөнүп айтканда олтурган жеринен жылып канча кулач жерге барып, кайра кайтып токтобой айткан. Жусуптун «Манасын» угуп олтурган эл бирде ыйлап, бирде кобурап Теңирге жалынып, бирде чуулдап дем берип, бирде сөгүнүшүп, Жусуптун оозунан чыкканы жомок эмес Манасты чыныгы көрүп жаткандай сезишип, убакыттын түн ортосу же чак түш болгонун туйбай олтуруп уга беришкен. Жусуп да карды ачып, денеси уюп-талып калганын унутуп калган. Ошол үчүн Жусуп элдин шартына толгон, талабын кандыра орундаган залкар манасчы болуп таанылып, Какшаалдагы манасчылыктын алтын доорун сүрө баштайт.
Жусуптун эл ичинде айтып келген «Манасы» өз кезинде агасы Балбай жазып топтоп калтырып кеткен «Манастын» өз аты айтылган түрү эмес. Бул жөнүндө Жусуп Ма май өзү мындай дейт: «Мен агам Балбай берген «Манас ты» үйрөнгөндө кол жазмадагы жомоктун өзөгүн гана үйрөндүм. Кол жазмадагы «Манас» ыр түрүндө да, кара сөз түрүндө да аралаш жазылган болуп, кийинки урпактары чылгый жөө жомок түрүндө жазылган. Мен кол жазманы окуганда аны 8 жашыман жат ала баш тап, сөөгүн үйрөнүп эске алдым. Бул «Манастагы» жер аттары, адам аттары, эл аттары жана өзөктүк окуяларга мен өзгөртүү киргизбедим. Ал кандай жазылып калса, ошондой үйрөнүп айттым, бирок кара сөзгө салынган жерлерин бүт ырлаштырдым, сөзүн көркөмдөдүм, тилин уккулуктуу кылып айтууга көп аракет жасадым. Байланышпай калган жерлерин өз күчүмө салып кошумчаладым, тегинде мен окуган «Манастын» кол жазмасы андай көлөмдүү эмес эле. Мен ырлаштырганымын себебиненби көлөмү артып берди».
Жусуп Мамай «Манасты» эл ичинде айтканда агасы Балбай үйрөткөн Ибирайым, Жусубакун, Сагынбай, Балбайлардын айтуу ыкмасын өз өңүндө туурап айткан эмес. Анткени манасчы «Манасты» чындап айтып келгенде көзүнө баатырлар көрүнүп, алардын урушуп-чабышкандары кулагына угулуп, кудум кино көргөндөй жандуу сезимге келишкен. Ал убакта анын обону, мунун аракети, тигинин сөзү деп айыргыдай жагдай болбойт. Жусуп Мамай өз чөйрөсүндө залкар манасчылардын «Манасын» үйрөнүп, алар жөнүндө улуу таанымга келип, эмгегин жогору баалап турса да, өзүнүн манасчылыгында аларды басып түшкөн өнөрүн алып чыгып, калың жамаатчылыкка көрсөтүп таанытып келди, кудум «устасынан шакирти өтөт» дегендей. Жусуп Мамай вариантын жазып алуу жумушу бир убакта бүткөн жумуш эмес. Ал кайта-кайта колго алынып, канча жыл, канча өткөөлдөрдү басып өтүп, анан бир бүтүндүккө алып келинген. 1956-жылы Мамлекет боюнча аз сандуу улуттардын тилин изилдөө кызматы канат жайып, борбордон Шиңжаңга бир группа адам кызматка түшөт. Бир бөлүк адам кыргыз тилин текшерип Кызылсууга келип, оодандарды, айылдарды кыдырат. Ал кездерде «Манас» эпосу жөнүндө түрдүү маалыматтар болсо да, эпостун таралышы, манасчынын бар экендиги, ал манасчылардын канчалык билиши сыяктуулар жөнүндө толук маалымат алынбаган. Тил текшерүүчүлөр Теңир-Тоолук кыргыздардын арасында да таралып жүргөн «Манас» жана манасчыларга кызыгып, кайтып барган соң борбордук фольклорчулар коомуна Теңир-Тоолук кыргыздарда да түптүү «Манастын» бар экени айтылат.
1960-жылы 10-майда Шиңжаң Уйгур автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин уюштурулушу менен бир топ эл Теңир-Тоо этектериндеги жазуучуларды уюштуруу, чыгаан чыгармаларды тандоого жетектөө журналдарга окурман чакыруу менен бирге элдик көркөм адабият-тарыхый казыналарын текшерип таап, жазып алууга барат. Алар Кызылсууда кызмат жүргүзүп, жумушту оодандардан баштайт. Ошондо Улуучаттан Темир манасчыны жолуктурат. Темир айткан «Семетейден» үзүндү жа зып алынат. (1960-жылкы «Шиңжаң гезитинде» ханзуча, 1961-жылы 1-сан «Тарым» журналында уйгурча жарык көргөн). Кызмат группасындагылар Артышта туруп, Акчий ооданында күнү-түнү «Манас» айта турган манасчы бар деген сөздү угушат, бирок убакты жетпегендиктен Акчийге барбай удул кайтат. Автоном райондук адабий-көркөм өнөр чүлөр бирикмесинин жетекчилиги алар алып келген кабарлар боюнча борбордогу башкы жетекчиликке абалды айтат.
1961-жылы көктөмдө борбордук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин баш жетекчилиги өзүнүн Шиңжаң бөлүмчөсүнө кыргыз элинин «Манас» эпосун текшерип таап, кол жазмага түшүрүүнү, ага кошуп кыргыз салтсанаасын, фольклор кайнарын казып чыгууну тапшырат. Борбордук улуттар институту кыргыз тил классындагы окутуучу-окуучулар ошо кезде практикада болуп, тилге машыгуу үчүн Кызылсууга келишет. Шиңжаң Уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинен жолдош Люфажун өзү менен үч киши болуп Кызылсууга барат. Кызылсуу Кыргыз автоном областтык эл өкүмөтү буларды кызуу колдоп жакындан жардамда болуп, Үсөйүн Ажы, Сакен Өмүр, Мамбетказы Эминалы (Маанеке) катарлуу ушул салаада орду бар адамдарды ажыратып берет. Борбор, автоном район, автоном областтан турган үч орун биргелешип, оодан, айылдарга бөлүнүп «Манасты» иликтеп, жазуу кызматын баштайт. Люфажун, Үсөйүн Ажы, Мамбетказылар Жусуп Мамайды издеп Акчийге барат. Ал кезде Жусуп да мамлекет боюнча алып барылган «Оңчулдукка каршы туруу» аракетинде калпак кийгизилгендиктен, алар Жусупту Атызда эмгек иштеп жүргөн жеринен табышат. Алар Жусупка «Манас» айттырып көрүп, анын кереметтей өнөрүнө таңданышып, чыныгы талант ээсине жолукканына кубанышып, дароо ал айткан «Манасты» кол жазмага түшүрүүнү чечим кылып, Жусупту Артышка алып барышат. Жусуп Артышка барган соң Эшмат, Темир, Кабылакун, Намаз сыяктуу 20дан ашуун манасчылар менен таанышып, басакеге түшөт. Ошол ирээт текшерүүдө 70ден артык манасчынын аты тизмеге алынат. Жусуп Мамайдын «Манастын» 8 урпагын толук айтала тургандыгы жетекчилерди, манасчыларды жана башкаларды таң калтырат. Жусуп өзүнүн «Манастан» бөлөк элдик кенже эпос-дастан, санжыраларды биле турганын маалымдайт, кызмат группасындагылар түгөнбөс кенчке жолукканын, Жусуптун баа жеткис гохар экенин таанып билүүгө жетишет. Жусуп өкмөттүн «Манаска» көңүл бурганына, алардын колдоп-кубаттоосуна сайкешип биринчи жолу «Манастан» 38 миң сап, «Семетейден» 27 миң сап, «Сейтектен» 19 миң сап, «Кененимден» 16 миң сап, «Сейиттен» 2800 сап айтып кызмат группасындагылар жазып алышат. Ошол кезде жазып алууга катышкан Үсөйүн Ажы ошондогу иштерди эстеп: «Ошондо Жусуптун курчуган чагы экен. Эртели-кеч айт десек токтобой айтып берүүчү. Биздин үлгүрүп жазалбастыгыбызды билип, «Манасты» бир сап, бир саптан айтып берүүчү. Мамбетказы, Сакен жана мен жазганбыз, дегеле азайбачудай эле. Кээде обону жок кара ыр боюнча айтып берүүчү. Бир айтканда 2–3 саат токтобой айтчу. Кээде өзүн да жаздыруучу элек» – дейт. Ошондо Намаз, Эшмат, Темирлердин варианттары да кагаз бетине түшүр үлөт. Кызмат группасындагылар бир жактан манасчылардан «Манас» жазып алса, бир жактан кытай тилине которуп, басмага дайындап, ар кайсы гезит-журналдарга жиберип, «Манасты» тааныштыруу кызматын кең кулач жайдырды.
Жусуп Мамайдын варианты ошол кезде эле ханзуча, уйгурча которула баштап, «Манастын тою», «Көкөтөйдүн ашы» жана «Кененимден» үзүндүлөр ошол кездеги «Эл адабияты», «Тянь-Шань», «Таарым», «Шиңжаң гезити» катарлуу басма беттеринде жарык көрдү. Кызмат группасындагылар Кызылсууда эки ай кызмат алып барган соң алгачкы жолу ээ болгон табылгаларын чогултуп алып, кайтып кетишет. Жусуп Мамайдын манасчылыгы бүт Кызылсууга, автоном райондорго, андан Борбордук фольклорчулар коомуна дейре дүңгүрөп угулуп калып, тарыхчы, тилчи, адабиятчы, изилдөөчүлөрдүн назарын өзүнө тартат. 1962-жылы 6-майда Кызылсуу областтык партком ишканасынын катчысы Сейшумык Карабулак айылына кызматтарды текшерип барат. Элди жыйнап жыйын ачмак болгондо, эл анча көп чогулбайт. Ошондо жергиликтүү башчылар Жусуп «Манас» айтат деген кабарды таратып жибериши менен кары-жаш, эркек-аял дебей бардык эл заматтын ичинде чогулуп калат. Ошондо бул баш катчы «Манастын» кыргыз элиндеги барк-баасын, аны айткан Жусуптун эл ичиндеги урмат-атагын билип кетет.
1964-жылы 6-айдан 1966-жылы 7-айга чейин болгон аралыкта «Манас» эпосун иликтеп жазып алуу, топтоо группасы (бул мамлекет аз сандуу улуттардын адабият, тарых, тил, санжыра казыналарын текшерүү коом жагынан уюштурулган) Кызылсууга кызматка түшөт. Бул группага жогоркудай үч орундан адам катышат. Тошяң менен Люфажун бул группага жетекчилик кылат. Кызматчылары Сакен өмүр (жазуучу), Үсөйүн Ажы (тарыхчы), Пазил (кыргызча-ханзуча котормочу), Абдыкадыр Токторов (тилчи), Үсөналы Алымкул (катчы), Лацйың (котормочу), Шаңшижын (котормочу), Хизэйчиң (котор мочу), Алтынай (жардамчы кызматкер) болгон. Бул жолку кызмат группасындагылардын амалый кызмат кубаты күчтүү болуп, булар кызматтын нишанын эки жакка караткан. Бири Жусуп Мамайдын «Манасын» толуктап жазып алуу, дагы башка дастан, санжыраларын түгөлдөй кол жазмага түшүрүү, Жусуптан башка манасчылардын айткандарын да жазып алуу, эл арасында сакталып жүргөн «Манастын» кол жазмаларын жыйнап алуу болгон, экинчи нишан «Манасты» негиз кылып кыргыздын коомдук тарыхын, этнографиясын, тил жазуусун, диндик ишенимин текшерип, «Манас» изилдөөнү материал жактан колд оону максат кылган.
Жусуп Мамай бул ирет «Манасты» мурдагы айтканынан көбөйтүп айтат. 6-урпак, «Асылбача-Бекбачаны» 45 миң сап менен айтып жаздырат. Ушул жолу айткан «Манастын» алты урпагынан 196 миң сап жазып алынат. Кызмат группасындагылардын көп убакты Жусуптан «Манас» баштаган эпос-дастандарды жазып алуу менен өтөт. Жусуп ушул жылдары «Манастан» бөлөк кыргыз элинин кенже эпосторунан «Курманбек», «Толтой», «Эр Төштүк», «Мамеке-Шопок», «Тутан», «Көбөн», «Жаңыл мырзаларды» айтып, кол жазмага түшүргүзөт. Ошондо келген манасчылар өз өнөрлөрүн ортого салып салыштырат. Кимдин «Манастын» кайсы бөлүгүн айта ала турганы, аны кимден, кандай үйрөнг өндүгү аныкталат. Алар ушундайча абал алмаштыруу аркылуу Жусуп Мамайдын «Манастын» сегиз урпагын толук айта ала турган, айтканда да күн-түнү мен ен токтобой суудай айта ала турган, обону бийик, аткаруу ыкмасы өзгөчө, ары жагымдуу бирден бир залкар манасчы Жусуп Мамай экендиги аныкталат, алар Жусуптун талантына, бел чечпес кайратына алкыш айтат. Өз кезегинде Жусуп да, замандаш манасчылар дагы өзгөчөлүктөрдү өзүнө кабылдайт. Ошол жылдар Жусуп Мамайдын манасчылыгы үчүн эле алтын доор болуп калбай, өңгө фольклор у үчүн да оорактуу доор болуп жоңго фольклор алкагында «Манас» сыяктуу үч чоң эпос жумурай журтчулукка таанылат. (Моңголдун «Жаңгыр», Тибеттердин «Гесар» эпосу айтылып жатат).
Тагдырга каршы «Манас» кызматынын жеңиши эми көрүнмөк болуп жатканда мамлекет боюнча козголгон «Маданият көңтөрүлүшү» башталып, бул үстүндө иштелип жаткан кызматтар токтотулуп, кызмат менен олтурушкандар өз жанынын алегинде калат. Жусуп Мамайдан жазылып алынган «Манастын» кол жазмалары Бейжинге алып кетилген бойдон жекелердин колунда из-дарексиз жоголот. Улуттун байыркы маданиятын изилдегендер, жөрөлгөлүү салт-санаасын иликтегендер калем кармап, элге рухий эмгек сиңиргендердин барлыгы «Эскини тирилдирген жайыл унсур» аталып, окшобогон жазаларга тартылса, кыргыз улутунун улуу эпосу «Манас» – «уулуу чөп» аталып айыпталат. Жусуп Мамайдын «Манас» айтып, залкар манасчы аталганы күнөө болуп, ага түрдүү жалаалар чапталып, ал «идея жактан өзгөрт үлүү» үчүн өз жеринде оор эмгекке салынып, эл жагынан бакылоого алынат. Ушинтип, Жусуп Мамай дене жана руху жактардан узак мезгил тарткан жабыр айынан магдырынан кетип, буту ооруп, 5 жыл үйдөн чыга албай жатып калат. Бирок Жусупту тааныган эл эбин таап, аны издеп келип, анын болбогонуна койбой «Манасты» жашырын айттырып уга беришет. Кээ бир кишилер анын айрым бөлүктөрүн жазып да алышат. Эл өздөрүнүн кыйынчылыктуу күндөргө атайын сактап койгон майларын Жусуп «Манас» айтып тамагы кургап кеткенде берип турушкан.
1978-жылы 11-айда ачылган II кезектик партия Борбордук Комитетинин 3-жалпы жыйынында өткөн тарыхка туура баа берилип, каталыктардын түйүнү чечиле баштайт. Ошол жыйындын шарапаты менен «Манас» кызматы кайта колго алынып, 12-айда Жусуп Мамай Бейжинге чакыртылып, Борбордук улуттар институтунда туруп, кайтадан «Манас» айта баштайт. Мурдагы топтоп алынган «Манастын» кол жаз малары түгөл жоголуп, тек гана «Семетейдин» 1964-жылы Пазил жазып алган нускасы Люфажунда сакталып калат. Алдыңкы 6 бөлүктү издеп тапкыча болгон аралыкта Жусуп 7-урпак «Сомбилектен» 12 миң сап, 8-урпак «Чигитейден» 12 миң, 300 сап айтып, Сакен Өмүр жазып алат. 1-урпак «Манас» табылбагандыктан аны да кайрадан айтат. Бул үч бөлүк жазылып бүтүп, Жусуп Ма май мунун бир канча жерлерин кайрадан аралатып көрүп болгунча 1979-жылы 12-ай болуп кетет да Жусуп Мамай үйүнө кайтып келет. 1980-жылы Жусуп Мамай Шиңжаң, уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орун басар төрагалык милдетине белгиленип, Үрүмчү шаарына көчүп келет. «Манас» эпосу боюнча атайын кызмат ишканасында курулат. Өкүмөт баштап акыры Жусупка ишенип, ал айткан «Манасты» колго алып иштөөнү зарыл жумуш катарына койгондуктан «Манастын» бүтө элек бөлүктөрүн кайра кагазга түшүрүү милдетин Жусуптун өзүнө тапшырат. Ошону менен Жусуп Мамай «Манас ты» өзү айтып, өзү кол жазмага түшүрөт. Ал 1983-жылга чейин 3-урпак «Сейтек», 4-урпак «Кененим», 5-урпак «Сейит», 6-урпак «Асылбача-Бекбачаларды» кагазга түшүрүп бүтөт. 1989-жыл Жусуп Мамай агасы Жумалы Келбайдын эстетүүсү менен 5-урпак «Сейиттин» кагаз бетине түшүрүлбөй калган орто жеринен 16700 сапты кайтадан толуктап кагаз бетине түшүрөт. Ошону менен Жусуп Мамайдын сегиз урпактуу «Манасы» бүтүндөй кол жазмага түшүп болот. «Манас» эпосу үчүн Жусуп Мамай бир өмүр тер агызып эмгек сиңирип, өмүрүн «Манаска» арнап келди. Ал ушул мээнетине жараша «Манасты» эч кандай күч теңдеше алгыс бийиктикке жеткизди. Ал «Манасты» канча ирет кайталап айтса да, эпостун бир бүтүндүгүн, мазмундагы тарыхый барактарын, эпостук көркөм багытын жоготподу. Жусуп өзү менен бирге «Манасты» да жашоонун тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман сактап келди. Жусуп Мамайдын варианты ХХ кылымдын башында өткөн залкар манасчылардын варианты негизинде уюп кайта-кайта бышыкталып калыптанган вариант, бул вариант азыр дүйнөдө белгилүү болгон варианттардын ичинде ары көркөм вариант саналат. Ушул вариант 60-жылдарда кол жазмага түшүрүлүп, 80-жылдарда гана басмадан чыга баштап, бүгүнкү күндө 18 том болуп толук жарыкка чыгып олтурат. Бул кыргыз улутунун маданият тарыхында эң маанилүү улуу иш! Ушул жумуштун баштан акырына дейре таза аткарылышында залкар манасчы Жусуп Мамай өзү башында карай туруп күбө болду. Эң маңыздуусу «Манастай» улуу эпостун кыргыз эли арасында азырга чейин айтылып келгенин Жусуп Мамайдай залкар манасчынын тирүү экени менен далилдеп бере алабыз, мындан да зор мактанычты сезебиз. Азыр дүйнөлүк эпос сахнасында канча жүз миң сап көлөмдүү эпосту тизмектеп жатка айткан тирүү Гомер бар. Ал болсо башка эмес – кыргыздын залкар манасчысы Жусуп Мамай.
Залкар манасчы Жусуп Мамай ушу күндө Шиңжаң Уйгур автоном райондук саясый масилет кеңешинин ту руктуу мүчөсү. Жоңго эл адабият-көркөм өнөрчүлөр коом унун туруктуу аткаруу мүчөсү. Автоном райондук бирлик сап партия тышындагы демократтык заттар коомунун мү чөсү. Үрүмчү калаалык диний коомдун мүчөсү. Шиңжаң, Уйгур автоном райондук «Манас» кызматына жетекчилик кылуу группасынын мүчөсү. Жоңго «Манас» изилдөө коом унун эрекче сунуш кылынган туруктуу башкаруу мүчөсү. «Манас» эпосу редакциялык коллегиясынын мүчөсү. Шиңж аң Уйгур автоном район дук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орун басар төрагасы.
Адыл ЖУМАТУРДУ
ЭЛ АКЫНДАРЫ
АКЫНДЫК ӨНӨР
Көркөм сөз өнөрүнүн тарыхы ошол элдин тарыхы менен тыгыз байланышта болорлугу белгилүү. Сөз өнөрүнүн башатында эң алды менен таланттуу адамдар турарлыгы шексиз.
Көчмөн турмуштун катаал шартында жазуу-сызуусу өнүкпөй калган кыргыз элинде оозеки чыгармачылыктын мааниси өтө зор болгон. Баарыдан мурда бүткүл басып өткөн тарыхындагы руханий мурасын оозеки көркөм формасында түзүп, сактап атадан балага, муундан-муунга өткөрүп келгендигинде. Ал эми ошол оозеки поэтикалык мурастарды жаратуучулар, сактоочулар жана алып жүрүүчүлөр акындар болгон. Бул туурасында: «Акындарсыз фольклор, фольклорсуз акындар болбойт» – деп, эң туу ра айтылган. Чындыгында, акындар поэз иясы фольклордун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Бирок ошол эле учурда акындар поэзиясы индивидуалдуу (жекече) башталыштагы чыгармачылык экенин эстен чыгарбашыбыз керек.
Бизге белгисиз байыркы замандардан бери карай өнүгүп, өөрчүп XIX кылымда өзүнүн классикалык формасына жеткен акындар поэзиясы, бүгүнкү күндө да өз жашоосун улантууда. Көп кылымдык өнүгүш тарыхында акындар поэ зиясынын көптөгөн өкүлдөрү болгон. Алар өздөрү жашаган доордун мүнөзүнө, духуна жараша өз чыгармачылыктарын өнүктүрүп келишкен. Алардын бардыгы эл эсинде сакталып калбагандыктан көпчүлүгүнүн аты реалдуулуктан четтеп легендалык мүнөзгө ээ болгон. Ал эми алардын чыгармалары болсо элдикке айланып, авторлуулугун жоготкон. Мунун бардыгы кыргыз элинин башынан өткөргөн карандай согуштар менен байланышкандыгын айтууга болот. Согуш элдин турмушунда жалгыз гана адам өлүмү жана материалдык бүлгүнгө алып келбестен, руханий жактан да жоготууга, бөксөрүүгө себеп болгон.
Ошентип элдин узак тарыхында эл катары күрдөөлдүү жашоо кечирип турган учурларындагы акындардын гана аты жана поэтикалык мурастары сакталып, эл эсинде калган жана бизге жеткен.
Акындык өнөр жөнүндө сөз кылганыбызда биз баарыдан мурда ал жөнүндөгү фольклордук маалыматтарга гана таянабыз. Себеби жазуу-сызуу буз өнүкпөгөндүктөн тарыхый летопистер кездешпейт. Андыктан эл сүймөнчүлүгүнө айланган өнөр ээлери эл тарабынан түзүлгөн чыгармалардын тутумунда жашап кала берген. Буга мисал, улуу «Манас» эпосунда Жайсаң ырчынын, Ырамандын Ырчы уулунун аттары аталып чыгарманын тутумунда сакталып, айтылып калышы бекер жерден эмес. Ушул маалыматтан улам мындан миң жыл илгери пайда болгон «Манас» эпосунда жогорудагы акындардын аттарынын аталышынын өзү эле, акындык өнөрдүн байыркы салт туу чыгармачылык экендигинен кабар берип турат.
Акындык өнөр бардык эле элдерде болгон жана коомдук баскычтын кайсы бир мезгилинде өнүгүп, кайсы бир мезгилинде солгундап жок болуп кеткен. Буга батыш элдериндеги көрүнүштөр далил боло алат. Айталы, француз элиндеги «турбадурлардын», немец элиндеги «мейстерзингерлердин», скандинавиялык «скальттардын», орустардагы «скоромохтордун, украиндердин «кобзарларын» жана башкалардын чыгармачылыгын мисалга тартууга болот. Бул элдердеги акындык өнөрдүн солгундашы отурукташкан шаар маданиятынын калыптанышы, жазуунун кеңири катмарда колдонулушу жана китептик маданияттын өнүгүшү менен байланышат.
Кыргыз элинин жашоо турмушу мындай шарттардан четте болгондуктан оозеки чыгармачылык анын ичинде акындык өнөрдүн өнүгүшүнө себеп болгон. Акындык өнөрдүн кыргыздарда кеңири өнүккөндүгүн башка элдердики менен салыштыра келип В.В.Радлов абдан жогору баа берген.
Акындар өздөрүнүн чыгармачылыгынын багыты, шык-жөндөмүнө жараша жамакчы, нускоочу жана жомокчу болуп бөлүнөт. Буларды бириктирип турган бир гана чыгармачылык мүнөз бул – төкмөлүк. Алар кандай гана шарт-жагдай болбосун, көзү менен көрүп туюп-сезгенин токтоосуз ырга айлантууг а жөндөмдүү келишет. Акындык өнөрдүн өкүлдөрүнүн бардыгынын тең аттары жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар толугу менен бүгүнкү күнгө жеткен жок. Бизге XVIII кылымдан берки гана акындар жөнүндө сөз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Эң алды менен Калыгул Бай уулун айтууга туура келет. Себеби ага чейинки акындар тууралуу маалыматтар легендалык мүнөзгө ээ болуп калган. Андыктан акындык өнөр жөнүндө жана акындар тууралуу сөз кылганыбызда колдогу гана материалдарга таянабыз.
Акындык өнөрүбүздүн тарыхы узак мезгилди камтып, тарыхтын тереңинде жатса да, алардын чыгармалары кечээ жакында ХХ кылымдын 20-жылдарынан баштап эл арасынан жыйнала баштаган. Мурда көзү өтүп кеткен акындардын поэтикалык мурастарын жазып алууда акындардын кийинки ХХ кылымда жашаган муундарынын эмгеги баа жеткис. Анткени алар жок болуп бараткан байыркы өнөрдү улантуучулар жана акындар поэзиясынын эң мыкты үлгүлөрүн сактоо чулар болушкан. Ушунун натыйжасында биз XVIII–XIX кылымдарда жашаган акындардын толук болбосо да көптөгөн поэтикалык мурастарын жыйноого жетиштик. Булар кыргыз элинин маданияты үчүн баа жеткис байлык.
ХIX кылымда жашаган Эсенаман, Чоңду, Арстанбек, Айтыке, Найманбай, Сартбай, Балыкооз, Калмырза, Солтобай, Мыса, Орозаалы, Молдо Нияз, Нурмолдо, Калча, Жаныш жана башка акындарыбыз кечээ жакынкы мезгилге чейин айтылбай, чыгармалары жарыяланбай келди. Бүгүнкү күндө маданий мурастарыбызга жаңыча көз менен карап, аларды элибиздин баа жеткис байлыгы катары мамиле кылуу убактысы келди жана бул багытта бир топ алгылыктуу иштер жасалды десек болот.
Ар бир эл өзүнүн улуу адамдары менен сыймыктанып келишкен. Ошолор сыяктуу кыргыз эли да жогоруда аты аталган жана Жеңижок баштаган Тоголок Молдо, Токтогул, Барпы, Молдо Кылыч, Коргоол, Эшмамбет, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл сыяктуу акындарыбыз менен сыймыктаныша алат.
Булардын чыгармачылыгы тууралуу кайра-кайра сөз кылуудан жана жарыялоодон биз уттурбайбыз. Тескерисинче, кайрадан жаңыча түшүнүүгө, жаңыча баалоого жана алардан жаңыча таалим алууга түртөт.
Нурланбек БАЙЧЕКИРОВ
БУКА ЫРЧЫ
Оозеки уламыш санжыраларда жана комузчулардын маалыматтарында «Кетбука» окуясы укмуштуу жөө жомоктор турпатында сүрөттөлгөн учурлар аз эмес. Хандын өлгөн баласын угузуу эпизоддору да түркүн вариантт арга кабылган: Айхандын баласы ууга кетип, кайтпай калат. Хан: «Баламды тирүү таап келгиле. «Өлдү» деген суук кабарды ким угузса, оозуна коргошун куйдурам» – деп жар салат. Ханга баласынын өлгөнүн эч ким даап угуза албаганда, Бука комузчу карандай күү чертип, каргашалуу кабарды билдирет. Хан комузчуну жазаламакчы болгондо:
– Балаңыздын о дүйнө кеткенин мен угузбадым, комузум угузду, – дейт. Хан сөзүн эки кылбай, көлкүлдөп эриген коргошунду комуздун кулагына куйдурган имиш. Угузуунун дагы бир вариантында күнөөлөнгөн Бука комузчуну хан темир тордо камалган жолборсторго ыргыттырат. Бирок айлакер ырчы ал жазадан да аман калат. Бирде уктап жаткан жолборс чочуп кетип, асманга түйүлүп, жерге түшүп бели сынып өлсө, бир жерде темир тордо ачыккан жолборстор Бука черткен комуздун доошуна эрип, магдырап жата берет. Дагы бир учурда:
Кыздары соккон кыялдай, Кылычы болот Айганым. Келиндер сайган кештедей, Кеби жакшы Айганым.
Элчи менен ырчыга,
Хан алдында кайсы өлүм? –деп, хандын талуу жеринен кармап кутулат. Ошентип, кайсы вариантта болбосун Бука комузчунун айлакерлиги, эр жүрөктүүлүгү менен катар, ар кандай кырсыктардан арачалап калаар чоң өнөрү жөнүндө даңазалуу сөздөр козголот.
Бука да Чыңгыз хан, Жоочу хан сыяктуу тарыхый инсан. Бул ойдун чындыгын Монгол империясы өкүм сүрүп турган кезде жазылып калган, кийин Тисенгаузен тапкан парсы тилиндеги «Кетбука» угузуу тексти толук ырастай тургандыгын дагы бир ирет эске салгыбыз келет. Бирок Бука аттуу ысым Чыңгыз ханга че йин, андан кийин да монгол, түркий урууларында кеңири кездеше тургандыгына күбө болчу даректер аз эмес. Мисалы: Абылгазы бахадур хандын «Түрк санжырасы» аттуу эмгегинде Чыңгыз хандын тогузунчу атасы Бука хан деп аталганы бар. Чыңгыз хандын кийинки урпактары да бул ысымдан куру эместей, Чыңгыз хандын кичүү уулу Тулуйдун балдарынын кенжеси Арык Бука. Арык Бука агасы Кубулай менен бийлик талашып, 1266-жылы согушта өлгөн. Арык Буканын колунун негизги бөлүгүн ойроттор менен кыргыздар түзгөн (Е.Кычанов). Чыңгыз тукумунун Чагатай насилинен да Эсен Бука деген өкүмдар жашагандыгы белгилүү.
Ал эми Жоочуну угузган Бука ырчы ким? Дагы тарых барактарына саресеп салып көрөлү. 1206-жылы атпай Монгол курултайы Темучинди каган шайлады. Ки йинки жылы Чыңгыз хан түндүктөгү коңшу кыргыздарды каратууга баласы Жоочуну аттандырды. Оң кол аскерлерин баштап барууну ошондо Бука ноёнуна табыштаган тура. Бука ноёндун насили найман эле. Казак, кыргызга Бука ноёндун таасири күчтүү болгондон уламбы, аскерий өнөрү артык кыргыздар эч каршылык көрсөтп өстөн, монгол жаангерине кулдук уруп, ак боз ат, ак булгун ичик туртуулап, багынып беришкен.
Экинчи кабарда Чыңгыз хандын батышка карай чабуулунда Мамык деген кыргыздын уулу Тайбука хан өз колун баштап жортуулга бирге катышкандыгы тууралуу кабарды тарыхчы Талип Молдо билдирип, окуянын андан аркы уланышын мындайча сүрөттөйт: – Чыңгыз хан 1220-жылы Бухараны багынтканда Тайбуканы Батыш Сибирдеги Ыртыш менен Төбөлгө хандык кылууга буйрат. Бул жерде Тайбука хандын укум-тукумдары 343 жыл өкүмдардык кылган. Тайбуканын насилинен Бекболот хан, Көчүм хандан 1363-жылы жеңилгенде, Кырг ыздар батыш Сибирден Анжыян, Алай, Наманган, Ат-Башы, Нарын, Ысык-Көл, Кочкор, Чүй, Таласка ооп, чачырап кетсе керек.
Бука насилин найман дедик, кыргыз дедик. Ырасында «Аксак кулан» домбурада казак болуп жаңырса, «Айхан» («Кетбука») комузда кыргыз болуп таңшып, байыркы бабалар доошу кыргыз, казак тилинде күнү бүгүн көкүрөккө төнүп, көңүлдө уюп келиши баарыдан кымбат.
* * *
«Кетбука» – үч ичек өрүк комузубузга гана чертилбестен, кыл кыякта тартылып, ооз комузда кеңири ойнолгон мукам кооз ыргактуу күүлөрдөн.
Кыргыз радиосунун музыкалык фондунда ондогон комузчулардын аткаруусунда бир нече варианттагы «Кетбука» күүлөрү сакталып турат. Алардын ичинен Ыбырай, Эркесары, Шекербек, Асылбек Эшманбет уулу, Курманаалы Калбото уулу, Алтымыш Мундузбай уулу, Барпы Сапек уулу, Өзбек Алымкул уулу, Саадабай Шабдан уулу сыяктуу эски-жаңы муундагы кыл чеберлеринин, Рысмат уулу Талип сыяктуу кыякчылардын ысымдарын атоо го болот.
«Кетбука» байыркынын мурасы деп жогоруда айтылды. Аныгында, чыгарманын жаралыш мезгили XIII кылымга, б. а., Чыңгыз хан заманына таандык. Бизге жеткен маалыматтарга караганда XIX кылымдын чыгаан күүчүлөрү Арстанбек, Музоо ке, Акбала… «Кетбуканы» «Айхан» деп атап чертишкендиги жөнүндө Муратаал ы аксакалдын музыковед В.Виноградовго кабарлаганы бар (В.Виноградов. Муратаалы Куренкеев, 1962, 170– 171-беттер).
Ошондой эле Ныязаалы, Токтогул, Карамолдо сыяктуу чыгаандардын күү тизмесинде «Айхан» («Кетбука») күүсү нүн башкы орунда тургандыгы талашсыз.
«Кетбуканын» күү өнөрүндөгү мындай орошон орду анын тарыхый баян дарегинин да олуттуулугун айгинелебей койбойт. Эмки сөз учугун ушул өңүттөн чубоого аракет жасап көрөлү.
Байыркы түркий тектеш элдерде өлгөн адамды угузуу расмий аземи драмалык диалогдук (суроо-жооп) мүнөздө болгон. Адетте, о дүйнө салган маркумду жакын, жекжаат адамдарына атайылап чогулган көпчү лүктүн көз алдында угузушкан. Угузуу милдетин нарк калчаган, сөз билги карыя адам же акын ырчылар моюнга алышкан. Алар сөздү тике маанисинде баштабастан, ой оролун алыстан толгой келип, сөз жүйөсүн ыр же насааттар менен кынаштыра табышмактуу суроолорду алдыртан жылдырып, угузуу кимге же кайсы дарекке багышталып жаткандыгын каймана билдиришкен. Элдик оозеки чыгармаларда угузуунун мындай түрлөрү аз эмес. Мисалы: «Токтогул Сибирден келгенде баласы Топчубайдын өлгөнүн акын Коргоолдун угузганы». Турмуштук кырдаалдарга жараша комузда карандай чертилген арман күүлөр аркылуу угузуу расмий ишке ашырган учурлар болгон. Ага баласынын өлгөнүн меймандарына угузган Кыдырдын «Төгөчү» деген күүсүн мисал келтирсек болот.
«Кетбука» угузуу күүсү да ушул таризде: бир тараптан Бука аттуу ырчынын табышмактуу суроосу, экинчи жактан Чыңгыз хандын «Айхандын» жандырмактуу жооп тору айтым жана кара күүлөр турпатында аткарылып жүрөт.
XIII кылымды (1227-жылы) ооздуктаган бул тарыхый «угузуу» окуясы ногой, кыргыз, казак элдеринин фольклорунда санжыра, уламыш, күү таржымалы аркылуу жети жарым кылым аша жашоосун улап келет. «Кетбуканын» байыркы тексти Карачай, Черкес тил, адабият институтунда, Казак илимдер академиясынын эл чыгармачылыгы бөлүмүндө жазма түрүндө сакталып келатканы да маалым. Поэтикалык баа жеткис бул материал белгисиз перс автору тарабынан XIII кылымда эле жазылып калган экен.
Аны араб тарыхчысы Ибн Ал Асир өзүнүн Летописине киргизгендигинен да кабардарбыз. Сейрек кездешүүчү бул чыгарманы кийин В.Г.Тисенгаузен деген окумуштуу таап, 1884-жылы «Түрктөрдүн ата теги» деген жыйнагында жарыялаган.
Түрк тилдүү тектеш элдерде кара сөз жана ыр түрүндө тараган бул тарыхый чыгарманын Тисенгаузен тапкан тексти кыргыз, казак диалектерине өтө жакын экендиги аныкталды. Анын жөнү бар сыңары. Чыңгыз хандын уулу Жоочунун өлгөнүн угузган адам – Бука ырчы насили найман уруусунан болгондуктан, угузуу монгол тилинде эмес, түрк тилинде жүргөн сыңары. Тарых сабактарына кайрылсак: Чыңгыз хан басып алган аймактарда, Ыртыштан Оролго чейин, Жети-Суу, Кыпчак талаа, Каспий Хорезм … кыскасы, Алтай тоолорунан Дунайга чейинки зор аймакты (өлкөлөрдү) бириктирген «Алтын Ордо» мамлекетинин гүлдөгөн маданияты болуп, анын өнүгүш өсүшүндө түрк тилдүү Борбордук Азия калкт ары чоң роль ойногондугу маалым. Мамлекеттик иш кагаздары найман, уйгур тилинде жүргүзүлгөн себептүү, тарыхый маанидеги нечен көркөм эстелик мурастар түрк тилинде жазылган. Булардын ичинде кыргыз-казак адабий-музыкалык дөөлөттөрү – «Айхан» («Кетбука») же «Аксак кулан» аттуу комуз, домбура күүлөр тексттерин да кошууга болот.
Монгол калкы басып алган элдердин ичинде айрым уруулар азчылыкты түзүшкөн себептүү чоң уруулар менен аралаша берип, акыр аягы аларга сиңишип кетүүгө туура келген. Ошондой кырдаалдан улам найман, ногой уруулары кыргыз, казак этникалык составына биригип кеткен себептүү, кыпчак талаасына аттын кашкасындай таанымал бул тарыхый угузуу кийин кыргыз, казакка гана таандыкталып, «Айхан» («Кетбука»), «Аксак кулан» деген ат менен элдик адабий-музыкалык мурастардын шарданында биздин күндөргө жеткен сыңары.
Арийне, тарыхый чыгарма канчалык чындыкка негизделбесин, оозеки айтымында, сөзсүз өзгөрүүлөргө учурап, көп варианттуулукка тушугары зарыл, бирок «Кетбука» алгачкы нускасынан (XIII кагазга түшүрүлгөн нускасы) айныбай, тарыхый «угузуу» өзөгүн сактап калуудагы сыпаакерчилиги кубаттоого гана арзырлык.
«Кетбука» окуясы Чыңгыз хан, анын өлгөн уулу Жоочу хан, Бука комузчу айланасында өнүгөт. Ошондой болсо да, угузуу расмисин ушул үчилтик каармандар менен чектеп коюуга туура келбес. «Угузуунун» фонунда улуу Кагандын жан-жөкөрлөрү, аксакалдар, акылчы-кеңешчилер, ноёндор баш кошкон уй мүйүз отурушту көз алдыга келтиргенибиз оң болоор.
Топ ортосу төрдө кагандардын каганы Чыңгыз хан, бет алдында туурга конгон кыргыйдай зымпыя мандаш ура, комузун күүгө келтирип, муң кайрыктуу күү тербеп, ырааты менен сөз баштап, кырааты менен обон коштоп, түрк-монгол элдеринин салтында угузуу расмисинен жазбаган ырчы Бука:
Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айханым. Туурунан бошонуп, Шумкар качты, Айханым.
Деңиз толкуп чайпалып, Көл бөксөрдү, Айханым. Терек түптөн жыгылып, Жер бөксөрдү, Айханым. Ала-Тоо кулап, бас болуп, Бел бөксөрдү, Айханым. Берекелүү нур качып, Эл бөксөрдү, Айханым. Каражандан таптатты, Ынак өчтү, Айханым. Касиеттүү башкача,
Чырак өчтү, Айханым.
Угузуунун дагы бир вариантында Бука ырчы комузду муңканта черте отуруп, Чыңгыз ханга табышмактуу суроо менен кайрылганы да бар.
Сөз багытын акыл калчап, боолгоп түшүнгөн улуу каган күңгүрөнүп өзү менен өзү сүйлөнүп, табышмактаткан суроого татыктуу жооп издеп, бир саамга буйдала түшөт да, бир оокумда тилге келип, кадырман ноёнунун каймана суроосуна жооп кайтарат.
Суук кабар кимди болсо бир «селт» эттирип, ичиркентип чочутуп коёру белгилүү го. Чыңгыз хан да уулунун өлүмүн жайма-жай отурган калыбынча кабыл ала албады.
Кет, кет, кет Бука!
Кеби жаман, ит Бука! Комузуңду колго алып, Сүйлөткөнү келдиңби? Бүгүн Айхан пашааңды, Ыйлатканы келдиңби?
Бу күүңдү ким уксун?
Боору калың Жер уксун!
Бир караңгы Түн уксун!
Асмандагы Күн уксун! Жаркырап тийген Ай уксун! –
деп, кадырман ноёнун бир каарып алып, кагынып-силкинип туруп кетти. Казак домбурасында чертилген «Аксак кулан» күүсүнүн баяны да кыргыз комузундагы «Кетбука» («Айхан») күү баяны менен мазмундук, ыр куруму жагынан оголе окшош да, үндөш да.
Эмесе, «Аксак кулан» күү баяны жайында жазуучуакын Илья Жахановдун «Ак куулар конгон айдың көл» китебинен мисал кыстара кетели.
Найман элинин улуу ырчысы Чыңгыз ханга уулу Жоочунун өлгөнүн угузат.
Ырдагы образдуу (элестүү) сөздөргө караганда айтышып жаткандар ырчылык кудуретке эгедер өнөр адамдары экендиги талашсыз. Анткени Бука катардагы жоокер эмес, кадик ырчы, калбаат комузчу, өнөр адамы. Ал эми Чыңгыз болсо, кагандардын каганы, казат адамы, кол башчы боло туруп, калк алдында сайраган кара жаак ырчы ноёнунун ыр менен табышмактаткан суроосуна ыр менен жооп кайтарышы окурмандар үчүн күмөн туудурбай койбос. Бул ойго эки божомолду сунуштай туралы: биринчиси, улуу кагандын айткандары, алгачкысы кара сөздө же жорго сөздө болгондур. Аны кийинки акын, ырчы, аспапчылар нечен ирет ийне-жибине чейин иштеп чыгып, а ырчынын табышмактуу суроолоруна теңдеш жооптор деңгээлине жеткирди бекен?..
Экинчи божомол – Чыңгыз хан ой жоруму кең, акылы тунук, сөзү курч, маселдетип сүйлөгөн адам болгон дешет. Демек, «Кетбука» угузуу текстинде улуу каган тарабынан айтылгандар эч кошмосу жок, баштапкы варианттын таза нускасы деп болжоого да негиз бар.
Асан КАЙБЫЛДА уулу
ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ
«Ырамандын соңунан
Иши келип оңунан,
Элден таап нускасын
Арбытып айтып кыскасын,
Толубай сынчы сындаган,
Токтогул ырчы ырдаган,
Токтогул ырдап турганда Элдин баары тыңдаган».
(Тоголок Молдо)
Байыркы Токтогул ырчынын качан туулуп, качан өлгөндүгү жөнүндө так маалымат жок. Бирок тарыхка аты калган Жаныбек хан, Тимурдун тушунда жашагандыгы жөнүндө айрым уламыш санжыра, ылакаптар бар. Ал эми эл оозунда кеңири айтылган уламыштар бекер жерден пайда болбойт. Анткени эл ичинен чыккан таланттуу адамдар тарабынан гана элдин мүдөөсүн көрсөт үп, жансезимин козгогон укмуштуу чыгармалар жаралат. Ал чыгарма эл арасында ооздон-оозго өтүп, жылдар сызып, кылым которулганда да, өзүнүн алгачкы ачылган гүлүн соолутпай, кайра көрктөнүп муундан-муунга өтөт. Аны жараткан акындын аты унутулат же уламыш, жомокко өтүп, сырдуу боюнча калат. Дал ошондой элдик уламыш, жомоктордун, ылакаптардын башкы каарманы болуп кеткен акын, сынчыларга Токтогул менен Толубайды кошууга болот. Булар жөнүндө эл арасында: «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол» деген ылакап айтылып жүрөт. Андан башка элдик жөө жомокко өтүп кеткен: «Токто гул ырчынын баласы», «Жаныбек хан менен Акыл Карачачтан» да, Токтогул ырчы жөнүндөгү айрым маалыматтарды жолуктурабыз. «Токтогул ырчынын бала сы» деген уламыш мүнөзүндөгү жөө жомокто, Ток тогул ырчынын баласынын мындай деген арманын жо луктурабыз:
Булбулдун уулу мен элем, Тулпардын башы сен элең. Бууданды минип мен качып, Бурулуп качан эл көрөм.
Ошентип, мындай армандар, ылакаптар, бир замандарда атагы таш жарган акындын болгонун күбөлөп турат. Эми, ал акын кайсы мезгилде, кайсы заманда жашаган деген суроо туулат. Ага дагы, элдик оозеки чыгармаларда сакталып калган уламыш, ырлар жооп берет. Элдик уламыштарда: «Азиз Жаныбек хандын убагында: Жээренче чечен, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Алдар Көсөө деген эл шайырлары болгон» – дейт.
Жер жалмаган неченди, Күткөн экен Жаныбек.
Жээренче деген чеченди, Урмат кылып күтүптүр, Батина ачык эшенди.
Ошол Жаныбек күтүптүр, Токтогул деген ырчыны,
Толубай деген сынчыны.
Мунун чындыгын, мусулман тарыхчысы – Абул-Гази: «Родословное древо тюрков» деген эмгегинде көрсөтүп отурат. Ал мындай деген: «Этот, Джаныбек хан был чудный, из мусульманских государей. Он оказывал ве ликое уважение ученым и всем отличившимся позна ниями, аскетическими делами и благочествием». Ошент ип Жаныбек хан өз ордосуна окумуштуу ойчулдарды, сөзгө чебер чечендерди, кара кылды как жарган калыстарды чогултканы айтылат. Жаныбек хан – 1340-жылдан 1357-жылга чейин, казак-кыргызга хандык кылган. Аны 1357-жылы өз баласы Бердибек өлтүргөн. Дал ушул Жаныбектин өлтүрүлүшү, кыргыздардын «Жээренче чечен» деген жөө жомогунда да сакталып калган. Ал түгүл Токтогул, Асан Кайгылардын ошол учурда жашап турганы айтылат. Мында бар болгону, Бердибек Жаныбектин баласы болбогон, иниси деп берилген.
Токтогул ырчы, Жаныбек хандык кылып турган мезгилде (1340–1357) атактуу ырчы болуп калган болсо, болжолдуу түрдө 1320-жылдары туулган деп айтууга болот. Кийинки учурда Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган фольклордук экспедиция убагында жыйналган материалдар, Токтогул Толубай жөнүндө тагыраак материалдарды берип отурат. Бул маалыматтарга караганда, кыргыздын катаган деген уруусунан Супатай баатыр деген чыгып, элди адилеттүүлүк менен башкарып турган. Ал өлгөндөн кийин ынтымак кетип, анын Карасеит, Сарысеит деген уулдары байлык талашып, Сарысеит жыгылат. Ошондо, Сарысеиттин уулу Мажиттин колун Карасеит кесип алат.
Буга ыза болгон Мажит, жети уулун ээрчитип, айлы менен Самаркан тарапка көчүп кетет. Көчүп барган элди, Мажиттин уулу – Кудаян бийлеп калат. Экинчи бир кабарда, Кудаян Ала-Тоо кыргыздарына хан болуп туруп, калмактардын чабуулу мезгилинде Самаркан жакка сүрүлөт. Бул Орто Азияны Тимур бийлеп турган мезгилге, б.а., 1368–1405-жылдарга туура келет. Дал ошол Самаркан тарапка сүрүлүп, каардуу Тимурдун бийлигинин астында калган кыргыздардын ичинде Токтогул ырчы да болгон. Бул кебетеси 1357-жылы, Жаныбек хан өлтүрүлүп, андан кийин анын уулу Бердибектин да хандыгы (1357–1359) кулагандан кийин бол гон окшойт. Тимур өтө каардуу хан болуп, кол алдындагы элге зордоп мусулман динин кийрип, согуштарга керектелүүчү оор чыгымдарды алып турган. «1370–71-жылдарда эле ал Кыргыздын айрым аймактарын басып алган. 1375-жылы анын колу Иле суусунан өтүп каптап кирип, 1377-жылы Ысык-Көлдүн элине бүлгүн салат». Дал ошол мезгилде Тимур: «Кыргыз деген жапан эл бар экен, окуу билбейт, кудайы от, динсиз капыр, мал багып көчүп жүрөт. Кымыз, айран ичет. Малдын терисин киет. Бул элди мусулманчылыкка үйрөтүш үчүн көп күч керек. Бир киши хан болот. Атчан жоокер берем. Мусулмандык паспорт берем. Ким хан болуп, кыргызды мусулмандыкка үндөйт» – дейт. Ошондо, катаган уруусунан чыккан Мажит уулу Кудаян: «Мен мусулман кылам», – деп чыгат.
Кудаянды Өзгөнгө алып келип, ордо салдырып, хан деп жарыялайт. Ал Тимурга жагыш үчүн кыргыздарды күч менен мусулман динине кийрип, келмеге тили келбегенин, орозо кармабаган, намаз окубагандарынын мойнуна зоолу салдырып, Ысар Көлөпкө айдаган. Жөө айдалган кемпир-чал жолдо кырылган. Айласы кеткен элде, мындай ыр пайда болгон:
«Эшеги болсо токуйбуз,
Намазын кантип окуйбуз»…
Тимурдун баш кесер желдетине айланган Кудаян жөнүндө эл оозунда көп уламыш, ырлар сакталып кал ган. Сен кара жолтой хандырсың, Кадемиң каткан жандырсың! Ушу сенин тушуңда, Журт бузулат ушунда. Калың кыргыз бузулат Качып бозуп кысылат.
Калкка тийет кесириң, Как талаада карайлап,
Какшап калат жесириң.
………………………………………
Көргүлүктү көрөсүң.
Ач кайкалаң куу белде.
Как ошондо өлөсүң!
Бул Кудаянды, Санчы сынчынын сындагандагы айтканы катары берилет. Кеп, мында, легендарлуу Санчы сынчынын болгондугу же болбогондугу жөнүндө эмес, жалпы эле Кудаяндын кайрымсыз хан болуп, элге көп жабыр тарткызганы жөнүндө болуп жатат. Кудаян – мусулман дининин эрежелерин үйрөнө албагандарды сүргүнгө айдатса, динге каршы чыккандарды Самарканга, Тимурдун ордосуна алып барып, эл алдында даргага асып өлтүргөн. Өлүгүн талаага таштатып, ит-куш ка жем кылган. Дал ошол учурда, Тимур менен Кудаяндын кордугуна чыдабаган Токтогул ырчы мындай деп ырдаган экен.
Кудаяндын тушунда куурап калдык, Куургуч баштуу кожону туурап калдык. Айыпсыз ата-энени кыргын чалып,
Ысар, Көлөп сүрүлүп чуулап калдык.
Аркы атаң – эр Супатай катагандан. Коркомун Кудаян деп атагандан. Паспортуң түгөндү деп зоолу салып, Тоногон кара тоодой матагандан. Өз атаң – Сарысейиттен, Мажит чолок, Адамзат бул жалганга келген конок. Динине Мухамеддин киргизем деп, Конокту кордук кылдың боюн тоноп. Кескениң Темирхандын душманы эмес, Кудаян бул айтканың жалган жомок. Арбагы Кыргызхандын сени урар, Кыргызды кыйын кыйнап салдың домок.
Токтогулдун бул ыры эки жүздүү кошоматчылар аркылуу Кудаянга жетет. Кудаяндын каары келип, мусулман динине ачык каршы чыккан катары Токтогул ырчыны, Самаркандагы Тимурга жөнөтөт. Ал аны элдин алдында даргага тарттырып, жору менен ит-куш жесин деп, айталаага таштатат. Жакындарына өлүгүн көмүүгө жана үн чыгарып ыйлоого тыюу салат. Тимурдун каарынан корккон эл түн ичинде үй-бүлөсүнө жашырын угузуп, кара эчки союп, кара ашын берет. Ошондо, Токтогул ырчынын эжеси мындай деп кошок кошуп жоктогон экен:
«Кара жаак Токтогул, Калыстык менен ырдадың.
Каны менен бооруна, Кара ниет хан Темир, Кара жерди сырдадың.
Карга менен кузгунга,
Кайсы аралда жем болдуң,
Кадырың өткөн кыргызга,
Кара эчкиге тең болдуң,
Этеги жырык чапанын,
Элечек кийген апамын,
Эркине көндүң кантейин, Эркектер сага капамын. Аскасы белем бийиктин Азоосу элем кийиктин. Каңгайган ак баш жорулар, Касымды жесин ийиктим».
Эжесинин кошкон кошогуна караганда да, Токтогул ырчынын атагы алыска тарап, «кара жаак» ырчы аталып калганы көрүнүп турат. Ошентип ал элдин эркиндигин талашып жүрүп курман болгон. Эл мындан, адилет, «кара жаак» ырчысын өлтүргүсү келбеген. Ошондуктан, анын бардык чыгармасын – элдик чыгарма катары, муунданмуунга таратып, атын – ылакап, өмүрүн – легенда кылып сактап келишкен.
Экинчи бир маалыматта, кордукту Азиз Жаныбектен көп тартканы баяндалат. Токтогулдун бетке чаап, тике айткан сөзүнөн Жаныбек хан, көп жолу эл алдында уят болуп калган. Ошондо, Жаныбек Токтогулдун мойнуна зоолу салдырып, айдатып жиберген. Ал, Жа ныбек хан өлгөндөн кийин гана азаттыкка чыгат. Бул мезгил – 1357-жылга туура келет. Токтогул ошондо минтип ырдаган экен:
Жаныбек басты белимди, Калмактыгы билинди.
Калк ичинде сүйлөтпөй
Кагып салды жинимди. Арманы көп Токтогул, Айнып калдым акылдан. Айрылып калдым жете албай, Агам Толубай жакындан. Зили душман калмактан Көрдүк далай кордукту. Келин, кызга ээ кылбай, Кылып турду зордукту.
Кандай болсо да Жаныбек хан, Темирландын тушунда жашаган Токтогул ырчынын тагдыры – оор азаптар, келишпеген күрөш менен өткөнү байкалат. Ошондуктан, эл өзүнүн сүйгөн ырчысын уламыш түрүндө болсо да сактап калган, жомок кылып айтып, сыймыктанган.
Сапарбек ЗАКИРОВ
МОЛДО НИЯЗ
Кыргыз коомунун XIX кылымдагы зор гуманисти, ойчул акыны жана насаатчысы, кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы административдик бөлүнүш боюнча Ош областындагы Кадамжай районуна караштуу Кызылбулак кыштагынын Аксуу бою Аккыя деген жеринде туулган. Уруусу найман, анын ичинде кошон деген урукка кирет. Анын алтынчы атасынан наркы аталарына «бий» деген наам кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий, Дулдул бий, Сумбул бий ж.б.) теги типтүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж.б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип (Молдо Рахман, Адил, Кошон, Күйүк, Эрназар), Молдо Ниязга келгенде жардыланып калган окшойт.
Молдо Нияз: Көрдүм жүрүп далайды, Каратегин, Алайды, Кашкар менен Арпаны…», «Алай менен Анжиян, Азизи көп Наманган, Пайтактуу Маргалаң, Жакшыларды көп көрдүм» дегендей саптарды, ыр түрмөктөрүн көп жазганына карабастан, көзү өткөндөн кийинки кылымга жакын созулган жыл мезгилдери аралыгында анын аты Кадамжайдын айланасындагы чөлкөмдөргө гана белгилүү болуп, кыргыздын калган аймагына тарап, кийинки муундарга берилип турган эмес…
Анын колкитеп кылып таштап кеткен бир нече кол жазмалары болгондугуна, улуу тилчи-окумуштуу, академик Болот Муратаалы уулу Юнусалиев 1951-жылы эле охналык Баит Исмаиловдон угуп, 1956-жылы Азиз Токтобаев аркылуу бир колкитебин таап, 1957-жылы Академиянын Колжазмалар фондусуна өткөргөнүнө карабастан, филолог-окумуштуулардан башкаларга белгисиз бойдон калып келди. Академик Б.М.Юнусалиевдин Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетине окуган лекциялар, 1970-жылы көзү өткөндөн кийин жарык көргөн «Отражение диалектных особенностей в санатах Молдо Нияза» Тюркологические исследования (К.К.Юдахиндин 80 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы. – Ф., «Илим», 1970, 48-бет.) деген эмгегинин негизинде коомдук илимдерди аркалаган окумуштуулардын айрымдарынын эмгектеринде ысмы атала баштады. Ошондо да Молдо Нияздын колкитептери Кол жазмалар фондусунда бар экени белгиленген менен, ички мазмуну табышмак бойдон калып келди. Ойчул акындын 1993-жылы жарык көргөн «Санат дигарасттар» аттуу китеби (Молдо Нияз. Санат дигарастт ар. – Б., «Учкун» концерни, 1993. Араб тамгасындагы эски жазмалардан көчүрүп, китеп кылып жасаган Омор Соо ронов), ал табышмактын жандырмагы катары кызмат өтөп келатат десек болот. Ага Кол жазмалар фондусунда сакталып турган бардык чыгармалары кирип, ар бир кол китебинде камтылган санаттары өзүнчө бөлөк-бөлөк берилген.
Молдо Нияздын биз шарттуу түрдө «Биринчи колкитеп» деп атаган кол жазмасынын форматы 18×10 см, ар бир бетинде 14–16 жол 28–32 ыр сабынан туруп (ар бир жолунда 2–3төн ыр сабы бар) 68 бетти түзөт. Академиянын Кол жазмалар фондусуна 1957-жылы өткөрүлгөн, 429-деген номерде сакталып турат.
Экинчи колкитептин форматы 17,5×10,5 см, ар бир бетинде 10–11 жол, ар бир жолунда ошончодон ыр саптары бар. Колкитеп 116 беттен турганына карабастан, башынан жана аягынан барактар жок. Мындагы айрым ырлар редакцияланган түрдө «Биринчи колкитепке» да көчүрүлгөн, 553-номер менен фондуда сакталып турат.
Үчүнчү колкитеп форматы 19×13 см. Бул колкитептин бар экендиги жөнүндөгү кабарды алгач Тайтөрө Батыркулов билдирип, 1989-жылы «Ала-Тоо» журналынын №1-санына эки санатын жарыялаган. Колкитептин өзүн академик Абдыганы Эркебаев Алай районунун Жайылма кыштагында жашоочу Азимов Аманулладан 1988-жылы октябрь айында алып келип, Кол жазмалар фондусуна өткөргөн, азыр 147-номер менен сакталууда. Ал 75 беттен туруп, ар бир бетине эки катардан кылып, поэтикалуу Чыгыш жазмаларына ылайык ыкмада (биринчи катардагы биринчи сапты окуп, анан экинчи катардагы биринчи сапты, анан кайра биринчи катардагы сапты окуйт, ошентип кете берет) кара сыя менен жазылган.
Молдо Ниязга тиешелүү төртүнчү кол жазма китепке шарттуу түрдө «Кат» деген наам менен кирген, 117 ыр сабынан турат. Ал акын бирөөгө кошок таризинде жазып берген, чоң кагазга түшүрүлгөн. «Катты» 1974-жылкы экспедицияда С.Закиров, И.Ирисов, Ж.Мусаева деген илимпоздор ошол эле Кадамжай районунда жашоо чу Айдар молдо Сулайман уулунан алып келип, фондуга өткөрүшкөн.
Акын Эгемберди Эрматовдун макаласына (Эрматов Э. Молдо Нияздын ыры табылды. «Кыргыз руху», 17–23-декабрь, 1997-жыл.) караганда Молдо Нияздын дагы бир колкитеби табылып, окурмандарга тартууланганы турат экен.
Молдо Нияз таануу боюнча макалалар, эмгектер жана китептер анын «Санат дигарасттар» аттуу жогоруда аталган китеби жарык көргөндөн кийин арбып, жогорку окуу жайларында дипломдук иштер жазылып, адабият таануу, тил, тарых, философия багытында кандидаттык диссертациялар корголо баштады. Улуу акын-педагогдун өмүр жолу такталып, чыгармаларын анализдөө да кеңири кулач жайды. Атайын китептер арналды.
Молдо Нияз бешинчи атасы Молдо Рахимдин салтын улантып, жаш кезинен айылдык молдодон окуп, андан ары Каратегиндеги медреседен окуусун улантып, Маргалаң менен кашкарда билимин тереңдеткен. Ошентс е да диний кызматка караганда канында кайнап турган акындык кудурет тынчытпастан көкүрөгүнө батпаган поэзия өз багытына көбүрөөк тартып, дервиштик жолго түшпөсө да, ошого жакындашкан турмуш кечирип, эл аралап адам, жер-суу таанып, жазган ырларын таратууга көңүлү көбүрөөк бурулган. Чыгыштагы Наманган, Маргалаң шаарларынан тартып («Алай менен Анжиян, Азизи көп Наманган, Пактактуу Маргалаң, Жакшыларды көп көрдүм…») Батыштагы Кытайга (Кашкарга) чейин («Кашкардын үстү Гүлбакта Ордосуну көргөмүн. Кытайдын койгон ордого доргосуну көргөмүн»), Түштүкт өгү Каратегин, Алайдан тартып («Көрдүм жүрүп далайды, Каратегин, Алайды»), Түндүктөгү Талас, Чүй, Ысык-Көлгө чейин («Башы Токмок, Чүй, Талас…») кыдырып жүрүп поэзия жаратып, кол жазма китептеринен элге окуп берип жүргөн. Ошондой эле жылдын жылуу мезгилдеринде туулган жери Кызылбулактын Аккыясындагы үңкүргө балдарды чогултуп, өз ырларын жатка айтып, агартуучулук иши менен алектенчи экен. Ошол ырларынан айтып берип, балдарга тамга таанытып, сабатын ачкан үңкүр ушул күнгө чейин «Молдо Нияздын үңкүрү» деп аталып келет. Анын жердеши, акын Эгемберди Эрматов педагогдук күндөрүн мындайча баяндайт: «Молдо Нияз ушул чөлкөмдө, а балким, бүтүндөй кыргыз жергесинде биринчи жолу өзүнчө мектеп-медресе ачып, жаш балдарды арап тамгасы менен кыргызча окуткан алгачкы агартуучу-мугалим. Кызылбулактагы Базарбай, Назарбай деген аксакалдар жаш кезинде Молдо Нияздан тарбия-таалим алышкандыгын, анын окуткан дарстары кызыктуу экендигин, ар кандай Чыгыш акындарынын, өзүнүн ырларын окуп берген диги жөнүндөгү маалыматтар элдин ичинде аңыз кеп болуп айтылып жүрөт» (Эрматов Э. Молдо Нияз – жазма адабияттын көч башы. – «Тулпар», журналы, 1993, 11–26-беттер).
«Экинчи колкитептеги» «VII Санат дигарди» же «Биринчи колкитептеги» «III Cанат дигарастти», дагы айрым санаттарды Молдо Нияз медресесиндеги балдардан таанып-билүүчүлүк жагын арттыруу үчүн жазышы да мүмкүн. Андагы «Ысык-Көл барып балалап, Индустан кетет куш деген» кош саптын өзүндө жыл мезгилинин ысык-суугуна жараша, куштардын жашоо өткөрүү, тукум калтыруусуна жараша жер которуп турары жөнүндөгү түшүнүктү, «Франктан келет чыт деген» сапта кездеме-материалдар Франция тараптан келээрин туюнткан түшүнүктөрдү жаш өспүрүмдөрдүн акылдарына салууну максаттаган болуу керек. Ал эми:
«Баатырдын баары майданда, Тыт, мейиз кани Шайданда. Илиминин кани Бухарда, Койдун кани Гиссарда. Кандек өрүк Хушарда
Күрүчтүн кани – Анжиян,
Майиздин кани – Наманган,
Парчанин кани – Маргалаң, Карачай кани – Кашкарда, Койдун кани – Кочкордо.
Жылкынын жайы – Жумгалда.
Түлкүнүн кани – Тарколдо,
Котоздун кани – Сарколдо» –деген ыр саптарында айтылгандар жаш муундардын эс тутумуна географиялык, биологиялык, экономиялык түшүнүктөрдөн кабар салат. Дүйнө таануу жөндөмдөрүн өркүндөтөт.
Молдо Нияз мындан башка темалардагы санаттарынан да окуп бергени талашсыз. Маселен, акындын акыл-сезимин дайыма тынчытпай келаткан орус баскынчыларынын Борбордук Азия мусулмандарына, анын ичинде кыргыз элине көрсөткөн баскынчылык аракеттерин ашкерелеген, жалпы адамзаттык маанидеги темаларды камтыган жана жаштык, сүйүү сезимдерин билдирген санаттарын эстесек болот.
Молдо Нияздын колкитептериндеги санаттарга ат коюлган эмес, бир чыгарма экинчисинен айырмаланып туруш үчүн акын «санат дигарасттар» (башка санат), «санат дигар» (дагы бир санат) деген сөздөрдү пайдаланып, ар бир санаттын баш ына кызыл сыя менен жазып жүрүп отурган. Ошондуктан лирикалык, дидактикалык багыттагы, атүгүл эпикалык мас штабдагы чыгармалардын бардыгы эле бирдей санат катары аталып кала берген.
Акындын дидактикалык багыттагы көптөгөн чыгармалары «болот» («Катын алса үй болот, Карөзгөй болсо бий болот»), «көп айттым» («Аргын-аргын жүгүргөн Ат жакшысын көп айттым»), «деген» («Он эки айды жыл деген, Онтотпойт оору сил деген»), «кылат» («Жаман катын жолукса Жакшы эрини кул кылат»), «бар бекен» («Көзүнүн нуру барыда Көргөндөн жакшы бар бекен»), «даври экен» («Ээрге баштуу отуруш Ийгиликтин даври экен»), «жаратты» («Жан-жаныбар тукумдап, Жазды Кудай жаратты»), «берип коюптур» («Акылы жок бирөөгө Бойду берип коюптур»), «немине» («Азыр айтар санатның Ыр мааниси немине?») ж.б. деген сөздөрдүн кайталаныш жолу менен түзүлгөн. Ошондой эле ал «Кымчабел» (IX Санат дигар), «Даткайым» «Өмүрзак» (I са нат хасират) «Көрдүм жүрүп далайды» (III санат ди гар) дегендей өз турмушу аралаштыра берилген лирикалык «чыгармаларды, «Дыйканбай» (IV санат дигар), «Курбанжан датка», «Кат» (Молдо Нияздын бирөөгө жазып берген каты), «Афандим» (XI санат дигар) сыяктуу арман, кошокторду, «Алымкул» (I санат дигар) өңдүү дастанды, «Замана чепке айланды» (IV санат дигараст), «Албарс кафир заманы» (X санат дигараст), «Күйөмүн» (IV санат дигар) ж.б. орус баскынчыларды ашкер елеген тарыхый темадагы, «Жаман ка тын, жакшы катын» (V санат дигараст, II санат дигар) дегендей Чыгыш поэзиясына илгертен традиция болуп айтылып келаткан ырлар да бар.
Молдо Нияз орус баскынчыларынын жан кыйгыч иштерин, ыплас аракеттерин айтып келип «Алыстан келген басмачы, Ада болуп калса экен» деген тилек-каргышын билдирип, чыныгы басмачылар ошолор экендигин ырастаган. Орус басмачылар эл ичиндеги баш көтөргөн, билерман дегендерди калтырбай кырып («Катка түштү үйүбүз, Калбады жакшы бийиб из. Тартылды танап жерлерге, Тынбас болду эрлерге, Жаман иш болду марттарга»), ар түрдүү кордуктарды көрсөткөнүн («Салат мүшкүл ойнуга, Мусулманды бутпарас Буйлалап хам ноктолоп, минип алды мойнуга») ченем жеткис кыжыр, өлчөмсүз ыза менен жазат.
Орусташтыруу саясаты ошондо эле жүрүп («Кафирди Кудай зор кылып, Мусулманды кор кылып, Омар атын Бор (Боря – О. С.) кылып, Бор үстүндө сыр кылып»), Сатыбалды, Зиябүдүн, Мамыталы, Атабек, Аширнаип, Үрүс төмбек, Хидеяткан ж.б. азаматтардын көздөрү тазаланып, атүгүл айрым журттун эли бүт бойдон дайынсыз жок кылынганын айтып («Өмүрбек журту атылып, Кырылганга күйөмүн») ызаланат. Орус кафирлер мусулмандардын жүрөктөрүнүн үшүн алгандыгы ушунчалык «Орус келет!» деп койсо, Олтура албай адамдар» качканын айт ып ичи сыйрылат.
Ошондой ар кандай зордук-зомбулуктагы, ачуу-арай күндөргө күбө болгон акын «Көгөндөй көгөргөн Көзүң курусун бутпарас! Балдыр-балдыр сүйлөгөн сөзүң курсун бутпарас!» – деп каргап:
«Албарс кафир заманы
Арзан болбойт галабыз (эгин, дан), Адепти билбейт балабыз.
Акыретин бербесе, Ара жолдо калабыз»–
деп, тынчсызданат. Ушулардын баарына өзүбүз күнөөлүүбүз деп мойнуна ала: «Катка түштү үйүбүз. Каттык болду күнүбүз. Кооп сийген кафирге Кошулуп кетти би йибиз» – деп жазып, мунун баары кошоматчылыктан («Сарт баласы кумарбаз Саркер болуп кафирге Галасыны көтөрөт. Малай болуп пул алып, Баласыны көтөрөт»), аргасыз дык тан («Оягыдан сурасаң Оруска казак жол берди») болгондугун жашырбайт. Мындай абалды Молдо Нияз мусулман дардын биримдиги жоктугуна байланыштырып келип, минтип отурсак «Сейил күндө кыш тү шөт, Мусулмандар башыга Муңайтып кандай күн түшөт!? Кудайым асан кылбаса, Кутулбаган кун түшөт» деген жыйынтык чыгарат.
Молдо Нияздын «Санат дигарасттар» китеби жарык көргөндөн кийин, мындан бир жарым кылымча мурдатан берки орус басмачылары кыргызга карата жасап келген баскынчыл, кыргынчы мамилелери көркөм документ катары тартууланып, көздү ачып атат. Демек, Молдо Нияздын кагазга чегелеп жазып кеткен мурастары көркөм бийиктиги жагынан гана эмес, баскынчы орустар кылган айрым деталдарды эске салганы, кыраакы болгонго чакырганы өтө маанилүү кызматтардан болуп саналат.
«I санат дигар» деп аталган Алымкул аталык туурасындагы дастанда орус баскынчылары менен мусулмандардын беттешүүсү жөнү ндө айтылат. Алымкул баштаган мусулман кокондуктардын орус бас кынчылары менен болгон биринчи айкашы тең чыгуу менен аяктап, эки жылдан кийинки экинчи айкашта өз кишилери колдуу болуп ок жеп, Алымкул көз жумат. Сөөгү Миңөрүктө калат. Кол жазмалар фондусундагы 1619-номурлуу папкада Суван Жутанов 1954-жылы 76 жаштагы Шерматов Шамурза аксакалдан сурап жазып алганына караганда Байказак деген мусулман Николайдын шпиону болуп, Алымкулдун аскерлерин кырдырган экен, ошондон улам Алымкул аталык Байказакты замбирекке салып аттырып ийген экен. Байказактын бир тууганы, Алымкул байкабай турганда, тууганынын өчүн алыш үчүн атып таштаган деп айтылат. Ал эми Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Алымкул ду өзүнүн удайчысы байкатпай туруп атып салган деп жазылат. Канткенде да аталыктын өз кишиси тарабынан ок жегени Молдо Нияздын чыгармасы аркылуу тастыкталып турат.
Молдо Нияздын «I санат дигариндеги» Алымкул кыргыз адабиятындагы атайын көңүл бура турган образ, тарыхый чындыкка салганда бүткүл Орто Азия, Кавказ, Сибирди басып алган орустун өтө күчтүү согуштук машинасына каршы үч жолу казат кылган («Кафирге карап үч жолу Казат кылды Алымкул») теңдешсиз баатыр экенин көрөбүз. Бул кыргыз адам дарын чыныгы баатырдыкка, өз жеринин нагыз патриоту болууга тарбиялоого табылгыс үлгү болот. Өз уруусунан, өз колотунан башы чыкпаган «баатырларды» көбөйткөнчө ушул Алымкулдай азаматтарыбызды даңазалап, капырларга каршы барган кайратынын алдында курчутсак жаштарыбызга жугумдуу, таасирдүү болот эле. Бул бир айыл менен экинчи айыл же бир атадан тараган бир уруу менен экинчи уруу, бир киши менен экинчи кишинин чатагында көрүнө коюп, баатыр наамын алгандардан эмес.
Чет элдик баскынчылардын (орустардын) мусулман жерин, Орто Азияны тепсеп киргенине Алымкулдун каны кайнап, жаалы күчөгөн учурду акын мындайча айтат:
«Карадан чыккан Алымкул Командир кайдан келди деп, Кайратыга куп келди. Куюшкан салбай ат минип, Кутура чыккан Алымкул. Кубандар кайдан келди деп Курушуга куп келди».
Келтирген саптардан да, чыгарманын мазмунунан да Молдо Нияздын Алымкул баштаган казаттарды жакындан көргөнү, атүгүл баскынчылардын аскердик составын, аскер башчыларынын аталыштарына чейин анализдеп, өз аты менен «Кубандык» (Казактар), «Командир» деп чакырып атканы тарыхый чындыктын ичинен аңтарыла так, даана көрсөтүлгөнүн далилдейт.
«IV санат дигарда» Молдо Нияз орус баскынчыларынын XIX кылым соңундагы «Анжиян көтөрүлүшү» деген аталыш алган мыкаачылык саясатын ашкерелейт. Башталышында «Арка журттун баарисин Сардарини көргөмүн. Атантай менен Тайлактын балдарыны көрг өмүн…»
«Жантай баатыр баласы Шабдандарды көргөмүн», «Алымбек менен Койчунун улфетини көргөмүн» дегендей тейде өзүнө замандаш бүткүл кыргыз жакшыларын көрүп баарлашканын, дубаларын алганын санаттап келип, баскынчылардын элге көрсөткөн кордуктарын «Кафирдин зулуму бу журтка Өтүлгөнүн айтамин» деген саптар менен баштап: «Орус келет деп койсо Олтура албай адамдар качканыны айтамын» – деп алардын зулумдугунун адам чыдагыс абалын, өтө жогорку чекке жеткенин көрсөтөт. Бул «Отуз жылга жакындап Орус келип зор болгондон» кийинки окуя (көтөрүлүш) экендигин белг илейт. Көтөрүлүш Анжиянда болуп, Молдо Нияз өзү көр бөгөндүгүн, катышпагандыгын «Экинчи калпа жөн жүрбөй, Жыйын кылды дешедир. Дүйнө журттун баарига Дайын кылды дешедир. Анжиянда көп адам Абак болду дешедир. Ачылып кетип бир зили Чатак болду дешедир…» деген саптарда айтат. Анын «Отуз жылга жакындап Орус келип зор болду. Оң, солдун баары кор болду…» деген саптарында өзү жашаган Түштүк тарапты орус баскынчылары басып алганына ошончо жыл болуп, б.а., 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшү мезгилинде өзү бар экендигин далилдеп: «Оморбек журту атылып, Кырылганга күйөмүн» – деп ал баскынчылардын зулумдугунан канчалаган эл-журт кырылып калганына күйүп атат. Бул «IV санат дигардин» жыйынтыгында Молдо Нияз: «Мусулмандар башыга Муңайтып кандай күн түшөт? Азап кылса момундар, Караңгы башка түн түшөт. Кулу болсоң пул түшөт, Кудай-асан кылбаса Кутулбаган кун түшөт» деп өтө терең, бүгүнкү «киргиздешүүнү», башка диндерге кирип аткандарды, улуттук маданиятыбыздын бүдөмүктөп бараткандыгын кун катары божомол түшүнүп, ыр саптарына салат. Чынында эле ошондо басып келген орус баскынчыларынын бүгүнкүгө чейинки үстөмдүгү кыргыз эли үчүн кун жеткис азапка айланып, аракка уугуп, баласы ата-энесине балта көтөрүп, жаштары эне тилин унутуп, түркүн диндерге кирип, башаламан будуң-чаң түшүп турган кезибиз. Олуялык, көрөгөчтүк деп ушуну айтса болот.
Ашыглык мотиви айкашкан аялдар темасы да жогоруда атап кеткендей, Молдо Нияздын поэзиясында кеңири орун алган. Буга «Кымча бел» (IX санат дигар), «Даткайым», «Жаман катын, жакшы катын» (IV санат дигараст», II санат дигар») ж.б. чыгармаларды мисалга тартууга болот. Молдо Нияздын Кымчабел аттуу келин туурасындагы ашыглык дастаны Барпы акындын азыр бизге кеңири белгилүү «Мырзайым», «Буракжан», «Ак Дильвар», «Карайкөз» аттуу ашыглык ырларынын башаты сыяктуу элестейт. Ага «Кымчабелдин» жазылуу ыкмасы, сөз ыргактары, эки жаштын махабатынын күч алуу диалектикасы ишенич берет. Маселен, «Суу боюнда суу талдай Бураласың, Кымчажан. Сыр бербей өзүң бирөөдөн Сыр аласың Кымчажан» деген Молдо Нияздын саптарына Барпы акындын «Алма-Алыштын боюнан суу аласың Мырзайым. Алты кар баскан түлкүдөй чубаласың Мырзайым» деген саптары үндөшүп турганын ким тана алат. Мындай үндөштүктөр эки акындын башка чыгармаларынан да кезигет.
«Кымчабелдин» киришүүсүндө «Журт сураган даткага Жүзбашы болсом дейт элем» дегендей ыр куроо ыкмасы менен «миң башы болсом», «корбашы болсом», «кудайчы болсом», «диданчи болсом», «ат багып минсем», «бээлүү, төөлүү болсом», «көрктүү, бөрктүү болсом», «каздарды алсам», «наздарды алсам» деген тилектери болгондугун айтып келип, Кымчабелдин жайлоого кетип калганынан улам бир көрө албай арманда жүргөнүн узун сабак ыр кылат. Ашыктык күчү ошончо – «Мал көрүн бөйт мастыктан, Жан көрүнбөйт жашт ыктан». Акын «Жагалмай көздүү баласың, Жайлоодон качан каласың» деген суроону коюп, «Ырдаймын сенин кашыңа, Ышкың түштү башыма, Осмо болом кашыңа, Отуң түштү башыма» деген таризде күйүтүн түшүндүрүүгө киришет. Андан ары «Алтының бар пүчүңдө Алооң менин ичимде. Күмүшүң бар пүчүңдө, Күйүтүң менин ичимде. Жаңыдан ышкың түшүптүр, Жалының менин ичимде» дегендей саптарды жалгап, узакка айтат.
Молдо Нияздын бул чыгармасы Чыгыш поэзиясындагы ашыктык ырларынын үлгүсүндө жазылып, жазма адабияттан кабары бар Бекназар, Жеңижок, Барпы сыяктуу акындардын махабат ырларына таасирин тийгизген, айрыкча Түштүк элинин оозеки поэзиясына камыр-жумур болуп аралашып, өз шарапатын жуктуруп турган десек чекилик болбос. Мынчалык болду бир-эки мисал тарта кетели. Атактуу Жеңижок төкмөнүн «Үй-бүлө», «Жаман катын» деген ырлардагы жакшы аял:
«Алмадай камыр аш кылат, Адамдын көөнүн куш кылат».
Жаман аял:
«Аш кыл десең нан кылат, Анын орто жерин кам кылат» –
деген ыр саптары улуу акын Молдо Нияздын «II санат дигариндеги» жакшы аял:
«Аябай берип ашыны Азиз кылат ар жерге Алганынын башыны».
Жаман аял:
«Йакшы эрини кул кылат.
Аш кылса үстүн кыл кылат,
Алган эрин сил кылат» –
дегендей саптарына үндөшүп, эки акындын ырларынын композициялык курулушу, мазмундарынын жыйынтыгы да бирдей болуп атпайбы. Ал эми Жеңижоктун «Үй-бүлөсүндөгү»:
«Же саамайын саксайтып, Саталбасаң базарга.
Же эки көзүн чекчейтип, Көмө албасаң мазарга» –
деген ыр түрмөгү Молдо Нияз дын Өмүрзак аттуу досуна жазган катындагы өз аялы туурасында айткан саптарынын өзү болуп атпайбы. Ошондой эле Барпы апыздын:
«Сылыктын сөзү – сиз деген,
Отуз эки даамды
Ширин кылат туз деген»
«Адаштырбайт жол деген
Кайырды берет кол деген»
«Үшкүртөт эрди дарт деген
Калктан чыгам март деген» –сыяктуу саптары Молдо Нияздын «Санаттарында» жыш кездешет.
Аялзат темасындагы экинчи дастан «даткайым» деп аталып, мундуздардын миңбашысы Максыттын зай ыбына арналат. Чыгармада Канабад, Сузак, Топурак-Белди ашып Базар-Коргонго келип, Максыт миңбашы менен таанышканы, миңбашы Молдо Ниязды үйүнө ээрчитип келгени («Өкүмдар Максыт миңбашы Алып кирди үйүгө») аялы салам айтып кабыл алганы («Саркардагы мунасип Салам кылды алганы») туурасында сөз улап келип, Даткайымды Агача айымга (Кудаяр хандын за йыбы), Курбанжан даткага (Алымбектин зайыбы)» Канышага (Рыскулбектин зайыбы) ж.б. кыргыз чыгаандарынын алдыңкы аялдарына салыштырып, узун сабак ыр кылат. Аны (Даткайымды) «бир шаардын баасына» барабар деп зор баалайт. Максыт миңбашы апкелген базарлыгына «Кыя көзүн салбаганын» айтып, нысаптуулугун белгилейт. «Суксур моюн суу талдай» сулуулугун айтып келип, Даткайымдын «Эки колу бооруда баштуулугун», «Баштыгына тор кылган Базардай үйүн гүл кылган» чеберлигин, «Азиз кылган ар жерде Алганынын башыны» көсөмдүгүн билдиргендигин, «Көк чайды көп ачык деп Памил чайды сасык деп» каймактап кара чай ичкен ак сөөктүгүн сөз кылат. Анын жамалын: «Ак тамагы ак сүттөй, Ак бети Айдын жүзүндөй, Көз дөрү чилги жүзүмдөй, Чачы кара кундуздай, Сааркы чолпон жылдыздай. Кашы кара пиликтей, Колдору коюн жиликтей, Конодо озгон күлүктөй» – деп сүрөттөйт да, дастандын жыйынтыгын: «Даткайымдын атын Көчкөндө кулдар токусун. Санатыны саз айттым Көрг өндөр түзүк окусун» – деп аяктайт. Дастанда даткайымга байланышкан саптардан башка да Базар-Коргонго тие шелүү географиялык аттар, алардын жана анда жашаган билермандардын иш-аракеттерин чагылдырган тарых да бар.
Молдо Нияздын кол китептериндеги санаттарды, термелерди, армандарды, кошокторду, дастандарды, лирикалык багыттагы ырлардын баарын ушундай жолдо талдап айтып отурсак сөз көпкө созулуп кете турган. Ошондуктан Молдо Нияз фольклордук негиздеги жазгыч акын болгонуна карабастан чыгармачылык лабораториясында профессионал акындарга жакындашкан жактары да болгондугун кошо кетели.
Молдо Нияздын «Санат дигарасттар» аттуу жыйнагына кирген көрсөтүлгөн үч колкитептин жазылуу тарыхын божомолдоп көрсөк, биринчиси калгандарынан кийин жаралган сыяктуу. Анткени берки колкитептердеги ырлардын айрымдары биринчи колкитепке кошумчаланыпалымчаланып кийирилген. Ошолорго байкоо салганда Молдо Нияз бизде жазгыч акын аталып жүрг өндөрдөн айырмаланып, өз ырларын редакциялап, оңдоп-түздөп, айрым сөздөрүн же саптарын алып салып же тескерисинче, кошуп отурган профессио налдарга жакындаша түшкөн учурлары байкалат. Маселен, Үчүнчү колкитептеги (VIII cанат дигар) «Давлаттин зору баш деген Жердин зору аш деген» деп берилген кош саптын экинчисинин мааниси орунсуз айтылып калгандыктан Биринчи колкитепке көчүргөндө «Жердин зору» деген сөз айкалышын «кайырдын зору» менен алмаштырган.
Экинчи колкитептеги (III Санат дигар) «Айта берсе түгөнбөйт, Айтып жүргөн адатты. Айтып-айтып ар жерде Адат болуп калыптыр, Жакшыларды көп айтып, Санат болуп калыптыр» деген ыр түрмөгүн Биринчи колкитепке көчүргөндө («IX санат дигараст») «адатты» деген сөздү «санатты» деген сөз менен, «ар жерде» деген сөз айкалышын «жер-жерде» менен, дагы «адатты» «санат» менен алмаштырган. Бешинчи ыр сабынын ордуна «Айтпай койсом эл койбойт» деген жаңы сапты жазган ж.б. Мындай мисалдардан дагы бир нечени келтирсе болот.
Кыргыз адабиятынын баштоочусу, тарыхчы жана саякатчы, философиялык ойлор менен сатира, юмор саптарынын ээси, диний терең билими бар, бүт өмүрүн поэзияга салган улуу акын Молдо Нияз Эрназар уулунун өз колу менен жазып калтырган көөнөргүс мурастары кыргыз жазма жана профессионалдык адабиятынын тарыхы буга чейинки чектелме мажес түшүнүкт өн алда канча нарытан башталарын ырастады. Улуу лингвист окумуштуу, академик Болот Мураталы уулу Юнусалиевдин сөзү менен жыйынтыктасак: «…анын жазмасы өзү жашап өткөн тарыхый жана саясий окуяларды чагылдырган азырынча жападан жалгыз факт – сөз болгондуктан адабиятчылардын гана көңүлүн бурбастан, тарыхчылар үчүн да баа жеткис болуп саналат. Лингвистикалык илимдин көзү менен караганда бул кол жазма эстелик катары, анын бир жарым кылым илгерки абалын чагылдырып турган жападан жалгыз документ болгону менен баа жеткис мааниге ээ».
Омор СООРОНОВ
АРСТАНБЕК
Арстанбек 1824-жылы эки Нарын ортосунда, Ийрисууда Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, 1878-жылы 54 жашында Ысык-Көлдүн тескейи Чычканда каза болот. Сөөгү Жуукунун үстү Ташкыя бейитине коюлат. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Таланты ар кырдуу, чыгармачылыгы көп тармактуу. Жанрдык, мазмундук жагынан бай жана ар түрдүү. Калктын турмуш-тиричилиги, социалдык ал-абалы жөнүндөгү терең ой-толгоолору адамды кайдыгер калтырбайт. Ушул өзгөчөлүгү менен угуучулардын купулуна толуп, уккандар зор канагаттануу алган. Арстанбекти көрүп, ырларын өз оозунан угуп калган замандаштарынын эскерүүсүнө караганда үнү мукам, кооз, аткаруу чеберчилиги бөтөнчө артык болуп, комуз чертүү жагынан адам баласын алдына салбаган, чыгаан комузчу аталган. Талип Байболот уулу акынды бир нече курдай көрүп, атасы Буйлаш жана бала чагы жөнүндөгү аңгемесин өз оозунан угат. Маалымдоочу Арстанбекке алгач Нарынколдун башы Сойкол төрдөн жолугат. «Төмөнкү айылга Арстанбек келиптир» – деп эл дүрбөп жөнөгөндө Талип да барат. Айрыкча «Тар заманды» ырдаганда тыңшоочулардын жалпы ыйлап отурушу жаш өспүрүмдүн балалык сезиминде түбөлүк из калтырат. Күн кечтеп, кара жамгыр нөшөрлөп төгүп, кой, козу маарап, теребелдин кыймылга келиши да отургандарды ордунан козгой албагандыгына күбө болот. «Мурун-соңду далай эле ырчыларды көрдүм, далай эле ыр уктум, – дечү экен Талип Байболот уулу, – бирок Арстанбектин ырындай кыябын келти рип ырдаган татыктуу ырларды уга алган жокмун».
Ат-Башылык чериктердин акчубак уругунан чыккан Калча да Арстанбекти көрүп, өз аткаруусунда ырларын угат, ал киши 1935-ж. 86 жашында Ойтерскен деген жерде каза болот. Жолугушуу Ат-Башы жайлоосунда өтөт. Бейбиттин уулу Орозбек деген бай өлүп (аны менен Арстанбектин аталарынын кудалыгы бар экен), акын бата окуганы келет. Бул киши да: «Ырды төгүп-төгүп жибергенде ыйлап жаткан жандар болду» – деп эскерген экен.
Арстанбектин ырчылык даремети, чеберчилиги өнөр лөшт өрү тарабынан да жогору бааланган. Жеңижок 1870-жылдардын аяк ченинде издеп барып, Каркырадан жолугуп, улуу акындын ырчылыктын жол-жобосу, сөз кадыры жөнүндө кан нускасын угуп:
Көл башы экен Каркыра
Көркөмдүү ырчы бар тура,
Оттой жанып көздөрү
Ой, акылы шар тура –
деп көңүл төрүнөн түнөк берсе, Тоголок Молдо калк арасындагы чыгармаларын аздектеп жүрүп:
Заманында ырдаптыр, Санат ырдан ар санат.
Элге жакса кызыл тил,
Артында өлбөс ат калат – деп.
Акындын нуска сөздөрүнүн кылым карыта муунданмуунга, атадан-балага өтүп, көөнөрбөс калк мурасына айлангандыгынан баса белгилейт. Осмонкул ырчы Арстанбектин чыгармала рынын акыл, нускага толгон тереңдигин, сөзгө чебердигин, «улаштырып сүйлөсө, оозунан шекер чубуруп» куюлушуп уйкаштыкка устаттыгын белгилеп келип, өткөн-кеткенди жана келечекти таасын айткан оңчул катарында мүнөздөйт. Осмонкул Калыкка:
Алтымышка бой бербей,
Алкынып топто жүрчү экен, Арстанбек кандай ырчы экен? –
деп суроо салганда Калык анын акындык дареметин:
Аз жашап, бирок саз берген,
Анык ырчы даанышман
катарында жогору баалайт.
Кыскасы, бардык маалымдоочулар – Арстанбекти көргөн да, көрбөгөн да, мурунку, кийинкилер да төкмөлүк, аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнүн бийиктигин, сөзгө чебер, ойго терең, ойчул акын, чоң комузчу катарында мүнөзд өшөт. Арстанбектин комузчулук өнөрү, ырчылык кудурети эл ичинде аңызга айланган. «Эки ийнинде эки периште отуруп, сайрап туруучу экен, өткөндү гана эмес, келечекти да болжоп айткан олуя, көзү ачык даанышман экен, комузу өзү күүгө келип чертилчү экен» деген сөздөр али да калк ичинде айтылууда. Айрым фактыларга караганда аны менен беттешип отурган ырчы да кереметтүү адам катарында сестенип, чочулагандай түрү бар. Алсак, казак ырчысы Каңтарбай Арстанбек ырдап бүткөндө «айтышпай ак жеңилдим» деп жооп берүүдөн баш тартат. Ээрчитип барган султа ны жолдо келе жатканда «Эмне үчүн жооп бербедиң? – дегенде: «Эки ыйыгында эки периштеси отыр, солардын айт дегенин айтып отыр ой» – деп айтышпагандыгынын себебин түшүндүрөт. Арстанбектин өзүнүн да «барбардигер кудурет», «жаасы күчтүү жараткан» жаркын талант берип, жөлөп-таяп жүргөнүнө ишеними бек көрүнөт. Ырында: «Периште ишим оңдоду» – деп ар дайым баса белгилеп отурат. Жеңижок менен жолукканда атайлап издеп келген жаш өнөрлөшүнө олуттуу көңүл бөлүп, анын ырчылык дареметин, чыгармачылыгынын күчтүү, тайкы жагын таразалап талдай келип:
Аттиң, балам, Жеңижок,
Пейлимден чыккан сөз эмес,
Периштелер айт деди,
Эгемдин берген белгисин
Айтпай коер эрким жок,
Көк Сулууну алам деп,
Каргышка калып калыпсың, Артыңан бала ээрчибей.
Көңүлүң толкуп телчибей,
Бир ташы кем шум дүйнө
Арман толор ичиң чок –деп, келечекте жаш үй-бүлөнүн башына түшө турган бактысыздыкты көзү ачыктык менен алдын ала көрөт. Кыскасы, калк «булбул» деген ардактуу атакты ыйгарган сүйкүмдүү ырчысынын чеберчилик даремети не, ой тереңдигине, комузчулук өнөрүнө, адамдык сапатына бекеринен легендарлык мүнөз берип жаткан жок. Чындыгында да Арстанбектин оозеки түрүндө бизге жеткен азыноо лак чыгармаларынан эле калк сезиминде аңыздык деңгээлге көтөрүлгөндөй ырчылык кудуретинин бийиктиги, нуска сөздүн эч акын теңдеше албаган алпы, айтыш өнөрүнүн ири устаты, өз доорунун улуу акыны экендиги көрүнүп турат.
Арстанбектин туулган, өлгөн жылы боюнча кабарчылар жана жыйноочу, иликтөөчүлөр ар башка датаны көрсөтүп келишкен: 1840–1882 (Бектур Шераалы уулу, 1840–1882 (Белек Солтоноев). 1838–1882 (Каюм Мифтаков), 1828–1882 (Ы.Абдыракманов), 1824–1874 (М. Богданова), 1828–1882 (Шаршенбек Үмөталиев, 1824–1878 (Талип Молдо), 1824–1878 (Тазабек Саманчин). Талип Байболотов Арстанбек бугу уруусунун бир бөлүгү Текестен көчүрүлө электен (1881-ж. көчүрүлөт) үч жыл мурун 54 жашында каза болот деп маалымдайт. Тазабек Саманчин Талип Молдонун маалыматын туура деп эсептеген көрүнөт, макаласында ушул датаны алат. Бул кабарчынын көрсөтүүсү чындыкка жакын. Анткени ал киши Арстанбекти жаш кезинде, кийин да көрүп, көзмө-көз отуруп баарлашып, балалык өмүр таржымалын өз оозунан уккан экен. Анын үстүнө көп жылдар бир аймакта жашашат.
Талип Молдонун Чыныбайдын катчысы болуп, жыйынтопторго көп катышышы да башка маалымдоочуларга караганда акынды жакыныраак билүүсүнө шарт түзөт. Айрым маалыматтар боюнча Арстанбек журт билермандары Боромбай, Чыныбай, Токсобай, Өмүрзактар тарабынан урматталып, бугу уруусунун ички, сырткы маселелерине аралашып, үн кошуп жүргөн сыяктуу. Бул Боромбайга кайрылып ырдаганынан ачык байкалат. Боромбай өлөр алдында калкына керээзин айтып: «Ат чаптырба ашыма, коргон курба башыма, катыным кара кийип, бетине белги салбасын»,– дейт. Анын сөзү өз доорунун каадасалтынын чегинен чыккан одонолук катарында көрүнүп, өргөө ичиндегилер тунжурап отуруп калышат. Ошондо Арстанбек комузун колуна алып, коштошуу мүнөзүндөгү муңдуу күүнү нечен ирет кайрып, комуздун кылдарын дирилдетип, муңканта чертип келип:
Оо, Боромбай абаке, Журт башчысы сен элең, Жомогун айткан мен элем.
Кайгысын жеген сен элең, Казалын айткан мен элем. Ат чаптырбас ашыңа, Коргон урбас башыңа.
Бетине тырмак салбастан,
Белине аркан чалбастан,
Катыны аза күтпөгөн,
Ханзаадага күйбөгөн,
Сарбагыш, солто, саяктын
Кимисинен кем элең? –деп Боромбайды өзүн журт башчысы катарында кастарлап, кадими менен узатууга көндүрөт.
Арстанбек катуу ооруганда Боромбай баштап, тынчсызданып, ал-жайын сурап тургандыгы, өлөр алдында Чыныбайга өзүн көмүүнүн ыгым-чыгымы жөнүндө сөз козгогондугу туур алуу маалымат бар. Ушундай жагдайлар Талип Молдонун Арстанбек жөнүндө кабардарлыгынын артышына өбөлгө түзгөн. Кабарчы тарых китептери, чыгып адабияты, поэзиясы боюнча колуна тийген адабияттарды окуп, өз учурунун билимдүү инсаны болгондуктан, анын көрсөтүүсүнө таянып, акындын туулган, өлгөн жылы такталган деп эсептөөгө толук негиз бар. Арстанбек түптүү жерден чыгат. Атасы Буйлаш жылкысы миңден ашкан чоң бай, тынымсейит уруусуна тутка болуп, бий аталып, журт башын кармаган кадырлуу, белдүү киши экен. Балык акын аны: – Бугунун Бойлош дегени, Бул турган журттун тереги, – деп мүнөздөйт.
Ата-тегин жиктеп айтканда, атасы Буйлаш анын аталары – Шопок – Үркүн чү – Акбагыш – Токтогул – Мортук – Тынымсейит, түбү бугуга барып кошулат. Буйлаштын байбичеси Салтанаттан беш уул төрөлөт: Атакан, Бабакан, Кулпу, Сулпу, Молдо. Кичи аялы Төрөкандан Арстанбек. Энесинин төркүнү – саруу. Ооруп айыкканда ырдаган ырындагы, арманындагы учкай маалыматка караганда карындашы да болуу керек. Бирок кабарчылардын бири да ал жөнүндө эскербейт. Арстанбектин уулу Көчөр 1917жылы Ийрисууда өлөт. Көчөрдөн үч уул: Ысмайыл Мамбет молдо, Кален (бир кабарда Окен) жана Бурулкан аттуу кыз. Бектур Шераалы уулунун айтуусунда булар көл боюнда саяк Кырбаш дегендин айлында жашап турушкан экен (20-жылдары болуу керек). Чомой уулу Сыдыкбектин кабарында Ысмайылдан бир кыз, бир эркек: уулунун аты – Жөлөгөн, кызынын аты – Тырнактай. Календен тукум калбайт. Ысмайылдын сөөгү Ийрисууга коюлат. Жөлөгөн Нарында милицияда иштеп жүрүп, каза болот. Тырнактай эки Нарын ортосундагы моңолдор Мамбетказыга турмушка чыгып, андан үч уул калат. Жөлөгөндөн Марат, Нарында шофер болуп иштейт, эки уул, бир кызы бар.
Кабарчылардын айрымдары Арстанбекти өз көзү менен көрүп баарлашып калгандыктан, анын тулку бою, бет түзүлүшү жөнүндө реалдуу маалымат беришет. Б. Солтоноевдин көрсөтүүсүн (узун бойлуу, чокчо кара сакал, кара сур киши катарында сыпаттайт, 42 жашында өлгөн дейт) эсепке албаганда бардык маалыматтар бир жерден чыгат, Ыбырай Абдыракманов Арстанбекти көргөн Калча карыянын айтканына таянып, өң-ырайы сары, сары сакал, көзү көгүшүрөөк, «чарчы бойлуу киши болгон экен деп жазса, Талип Байболот уулу: «Ыраматылык Арстанбек орто бойлуу, толмоч келген сары киши эле, бултулдап жөн отура албаган жайдары, ачык-айрым жана шок, отурган жерин оюн-күлкү менен маашыр кылган адамдын гүлү эле»,– дейт. Бир жерде «булбул деп коюшчу деп толуктайт. Осмонкул ырында «өңү жука кызылдуу» – деп сыпаттаса, Жеңижок менен ырдашканда толук болбосо да, Арстанбектин портреттик элеси тартылган. Ырынын мазмунуна караганда Жеңижок издеп барып, Каркырадан жолукканда элүүдөн өтүп, эски кеселден жакшы боло албай, өз сөзү менен айтканда:
Калк алдында шаңшыган,
Кар суусундай ташыган,
Топ алдында шаңшыган,
Тоо суусундай ташыган –
«булкунуп турчу күчү», «арыстандай сүрү», «ак маралдай түрү», «аркырап акчу күнү», «булбул үндүү доошу жок» алсырап турган учуру болот, Жеңижоктун саламдашуусуна жооп катарында ырын кара нөшөр жамгырдай төгүп ырдап, али да «комуз күүсү топ», «ырдар ыры мол» экендигин айта келип:
Азар салсаң байкарсың,
Ааламга жайым айтарсың, Азыр ак саргыл өңүм азыңкы,
Алибеттүү денем басыңкы, – дейт.
Кабарчылардын айткандарына, акынды ырындагы маа лыматка таянып, Арстанбектин төмөнкүдөй реалдуу портреттик, сыпаттамасын жана шарттуу түрдө кулк-мүнөзүнүн мүнөздө мөсүн түздүк: өңү ак саргыл, бети кызылдуу, чарчы бойлуу, толмоч, көзү көгүшүрөөк, сейрек сакалдуу, көзү оттой жанып, жандуу, кыймылдуу шайыр.
Бир маалыматта Арстанбек Буйлаштын салбар кылып таштап койгон улуу зайыбынан төрөлөт делет. Бирок көпчүлүк кабарчылар, анын ичинде өзүнүн агалаш бир туугандары тарабынан бул факты бекемделбейт. Тескерисинче, бардык маалымдоочулар акындын салбар токолдон төрөлүп, атасы тарабынан баркталбай өскөнд үгүн маалымдашат. Энесинин жанында кой, козу кайтарып, койчу-колоңдордун арасында бой тарткандыгы да чындык сыяктуу. Бул жөнүндө казак ырчысы Сүйүмбай менен айтышында ачык маалымат орун алган. Арстанбектин өзүн тектүү жер дин баласы катарында көтөрө чалып ырдаганына сөз өктөмүн кетирбеген казак ыр чысы:
Карагай, тикен аралап, Колу-бутун жаралап,
Козу бактың кокуйлап,
Кой кайтардың чокулап, Калыпсың эми сөз улап, Бакканың болчу козу-улак.
Күң баласы катары
Атаң бир кадыр кылбады, Айыңдуу сөздөн сен баштап,
………………………………….
Сүйүмбай сөзү ырбады.
Бий баласы болсоң да,
Бий үйүнө батпаган,
Бий өргөөсүн баспаган,
Сен салбардан туулган карыпсың –деп чалма ыргытат. Кыскасы, Арстанбектин балалыгы карапайым адамдардын арасында өтүп, ошого карата белгилүү даражада турмушту баамдоо көз карашы калыптанган. Ага төрт түлүк малдын пайдасы, тамактын таттуусу, кийимдин жакшысы жөнүндө айткан чакан санаты ачык мисал. Ал мал жакшысы деп жесе эти, майы, ичсе сүтү адамга жагымдуу эчкинин, ичип алсаң – суусун, курсакка тамак – гүлазык арпа жарманы, кийимдин жакшысы деп алты ай бир кийилип катылып жаткан шайы, жибекти эмес, бүрмөлөп кийгенге бышык бөз кездемени эсептейт.
Ырдагы бул ойлор карапайым адамдын турмуштук тажрыйбасына, түшүнүгүнө шайкеш келип турат.
Арстанбектин көлгө качан келгендиги жөнүндө эки түрдүү пикир бар. Бири болочок акын он жашка чыкканда Буйлаш көлдүн тескейи Чычкан, Жууку аймагына көчүп келет дешсе, айрым маалымат боюнча Арстанбектин Көл өрөөнү, Назарбек элине (аялы Үмүтайдын төркүнү Назарбектен экен) келиши акын Кокондон кайтк андан кийинки мезгилде болуп, өмүрү өткөнчө Чычканда жашайт. Байкоого караганда кийинки пикир туура көрүнөт, анткени Арстанбектин Анжыянга Нарын тараптан баргандыгы жөнүндө кабарчылар ишенимдүү маа лымат берет.
Кабарчылардын айтымында Арстанбектин ырчы болууга далалаты эрте, бала кезинде эле башталат. Ырчылыкты самап, өңүндө да, түшүндө да делебеси козголуп жүргөндөй түрү бар. Ырчыларга таандык салттуулуктан ал да куру кол эмес. Болочокку акын бир күнү түш көрөт. Түшүндө эки өркөчү эки баладай ак төөгө минип, боз чепкен кийип, Акдөбөнүн үстүнө чыгып, колуна ак комуз алып, ырдап турган болот. Кыргыз, казактан эч ким астына чыкпайт. Эртеси атасына барып, түшүн жорутат. Буйлаш баласынын өз жолун жолдобой, ырчы болушун жактырбаса да, Сарбыгаш молдо нун атасы моңолдор Айтмамбетке айтып, бир жакшы ком уз чаптырып берет.
1840-жылдарда Кокон бийлөөчүлөрүнөн болгон Алымбек Буйлаш баштаган Алжан, Кожомжар, Сыдык, Божокой, Нурмамбет, Арзымат, Чоң Сарык, Бий Суван – он төрт саркерлерин жиберип, Анжыянга айдаттырып кетип, Арстанбектин артынан барышы анын ырчылык тагдырында, жеке турмушунда чоң бурулуш жасайт. Ал кезде ордонун бийлиги кыпчак, өзбек, кыргыздардын колунда, биринен сала бирине өтүп, теңтайлашып, бийлик талашып турган учуру болот. Бирок кантсе да санжырада белгилегендей, бийлик ээлери Кокон хандыгын негиздөөчүлөрү токсон боолуу өзбектин миң тукуму болуп, үстөмдүгү артып турган сыяктуу. Кыпчак-кыргыздардын белгилүү даражада башкаруу иштерине аралашып жүргөндүгү тарыхый санжырада, маалымдоочулардын кабарында чыныгы аныкталат. Арстанбектин өмүр таржымалына байланыштуу окуяларда, ырында ушул кырдаал ачык чагылдырылыптыр. Алсак, 1922-жылы Саадабай Бабакан уулу (Бабакан Буйлаштын иниси) К. Мифтаковго төмөнкүдөй бир фактыны баяндаган экен. Буйлаш өз ара туугандары жана тынымсейит билермандары менен Кокон ордосуна эмес, кыпчактар ээлик кылып турган Анжыянга айдалып барат. Арстанбек атасынын артынан барып, ордо билермандары Алымбек, Атамкул, Кулназар, Комчу датка жана Мааразыктын (бул жөнүндө төмөндө да сөз болот) алдында ырдап, купулга толот. Ал ырдардан мурун саркерлерден отургандардын аты-жөнүн сурамжылап: «Буларды Кокондун беги деп мактайынбы же Анжыяндын беги деп макта йынбы?» – деп суроо салганда: «Булар анжыяндык кыпчактар» – дешет. Ыр үзүндү түрүндө келип жетти. Бирок анын кыпчак бектерине багытталгандыгы мазмунунан ачык көрүнүп турат:
Баракелде эр кыпчак,
Саадактарың бир кучак,
Санжыргалуу кан кыпчак, Миңгендери тобурчак, Шай колдогон эр кыпчак. Жорголору жолдо өлгөн, Саркерлери жоодо өлгөн.
Ошондой эле «төрөлүк кылса – төө», «бектик кылса – бээ», «доолду байлап ат берет» – деп даткаларга кылтак ыргыта келип:
Аркалыктын жакшысын
Кыйыгына тийгенде
Кысырактап матаптыр –деп ырын аяктаганда балага ыраазы болуп, отурган даткалар келген себебин түшүнүп, айдалып келгендердин күнөөсүн кечип, айлына жөнөтөт. Арстанбек Кокон ордосунда бир жыл жүрүп кайтат. Кабай Абдыракман уулу жыйнаган материалдагы фактыга караганда анын акындык чеберчилигинин артышында Кокон ордосуна барып, көп жерди аралап көрүп, табият тартуулаган кылдаттык менен жер шартына, калктын турмуш-тиричилигине, каада-салтына, жаман-жакшы жактарына байкоо салышы ири өбөлгө түзөт. Өз ырындагы маалыматтарда ордо ырчы, комузчулары, анын ичинде Сарт аке менен комуз чертишип, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, өз чеберчилигин арттырат. Дутар күүлөрүн комузда сайратып, каршысын жеңип, тыңшоочулардын купулуна толот. Кокон ордосуна барып, түпкү хандын астында да ырдаган көрүнөт. Сүйүмбай менен айтышканда:
Комуз чертип, ыр ырдап,
Ордонун болгом эркеси,
Көп ырчынын серкеси, Мендей барбы эр киши? –деп каршысынын сезин алат. «Ке рээзинде», «Жеңижок менен ырдашканда» да комуз күүсү жагынан бет алып адам чыкпагандыгын баса белгилейт. Бир жыл ичинде табиятынан сезимтал, кылдат Арстанбек ыр, күү менен гана өз чыгармачылык өнөрканасын байытпастан, калктын турмушунун оор жактарын, муктаждыгын туура талдап, реалдуу ой жүгүртүүгө үлгүрөт. Буга Анжыян жөнүн дө айтканы ачык күбө:
Атын укчу Анжыян,
Ар жеринде бир жыйын,
Мөмө, жемиш төгүлүп,
Берекеси мол экен,
Пулдун күчү зор экен,
Пулу жок жарды бечара Чынында эле кор экен.
Дегеле айтуучулардын кабары жана акындын ырындагы фактылар тарыхый булактагы маалыматтар менен шайкеш келип, тарыхый чындык катарында аныкталат. Анткени Кокон феодалдык мамлекети 1740-жылда негизделип Анжыян, Маргалан, Наманган, Кокон вилайеттерин (бөлүктөрүн) түзөт. Алардын бийлиги кыргыз жергесине кеңири жайылып, Кетмен-Төбө, Бишкек, Ак Мечит, Кызыл Ордо, Куртка ж. б. чептерди куруп, аларга негизинен өздөрүнүн башкаруучуларын дайындап, саркер (кошун) менен камсыз кылып турушкан. Саркер көбүнчө кыпчактардан түзүлгөн. Анжыян бөлүгүнө Ош, Алай тарабы, Жумгал өрөөнү, Арпа, Нарындын жогору жагы карап негизинен Алымбек бийлик жүргүзөт. Тогуз-Тородо курулган Куртка чебин Мамаразык тейлеп, алык-салык жыйноо жагы бир топ күчтүү жүрүп жергиликтүү калкты катуу каржалтат. Негизинен, бардык кабарчылар Арстанбектин Кокон Ордосуна он алты жашында баргандыгын көрсөтүшөт, Арстанбек керээ зинде, Жеңижок менен ырдашканда, Сүйүмбай менен айтышканда Ордо даткаларынын ичинен Алымбекке көбүрөөк ыктап, «кан датканы пааналап», Анжыян, Кокон, Маргалаң, Алай, Аксыны аралап, нечен аш, тойго катышып, чыгаан ырчы аталгандыгын, комуз чертүү жагынан «алдында эч ким чыкпагандыгын» баса белгилеп отурат. Ошондо Арстанбек Кокон Ордосуна 1840-жылдардын тегерегинде Мадали хандын (1822–1842) мезгилинде барат, Мадали хан 1862-ж. өлтүрүлөт.
Кантсе да Арстанбектин чыгармачылыгынын күрдөөлдүү, көркөм өнөрүн эң бийиктикке көтөрүлгөн учурун падыша өкмөтүнүн бийлиги кыргыз жергесине орногон мезгилде жараткан чыгармалары түзөт. Алсак, «Тар заман» – акындын турмуштук жана социалдык көз карашынын жыйындысы, автордук өз позициясы. Ошондуктан ага реалдуу баа берүү зарыл. Чыгарманын түзүлүү, калыптануу аймагы бир топ узак. Ал бир эле мезгилде түзүлбөстөн, болжолдуу түрдө 1852–1870-жылдардын аралыгын камтыйт.
Шарттуу түрдө окуясы эки бөлүктөн турат:
«Орустар басып келе жатат» деген кабардан улам ырдалган ырлар. «Орус келет» – деп өз алдынча да аткарылчу дешет. Бирок кийинчерээк «Тар заманга» кошулуп, негизги окуяга өтүп, алдындагы киришүү милдетин аткарып калган сыяктуу.
Орус колониячылары кыргыз жергесине келип отурукташып жер-жерлерге пикет куруп, суулуу, оттуу жерлерди ээлеп, өз мыйзамын, саясатын жүзөгө ашырып, бийлик жүргүзгөн мезгилде өзү күбө болгон окуялардын чагылышы. Акындын кабылдоо, баамдоо мүмкүнчүлүгү, көз карашы, чеберчилиги ушул учурду баяндоодо ачык көрүнөт.
Арстанбек заман ырын жаратууда өзүн чоң сүрөткер катарында көрсөтөт. Көркөм сөздүн күчү менен айрым маселе боюнча туура эмес позицияда турса да, өз айтканына калкты ишендирип, замандын катаалдыгын эл сезимине жеткирет. Акындын күчтүүлүгү ушунда турат. Буга бир мисал: «Баласы бараң аткан, кыздары кымкап кийген», «жарды-байы белгисиз», «кунан, тайы мингисиз», «кулу, бийи белгисиз» илгерки ата-бабасы жашап өткөн доорду идеализациялап келип:
Эми баатырлары пас болду, Балакет капыр кас болду, Кымкап кийген кыздардын.
Тал-талдан өргөн чачтары Осмо койгон каштары Түйдөктөлүп жүн болду.
Эндик жапкан беттери
Кызылы өчүп, боз болду, Кыйын заман кез болду.
Каса элечек байбиче
Кара жоолук салынып,
Казан кармар күң болду,
Кайсы бирин айтайын,
Кадеми кетип кыргыздын
Кандай гана күн болду? –деп жыйынтыктайт.
Ырдагы жаратылыштан алынган параллелизмдик салыштыруу акындын оюнун ажарын ачып турат:
Эми жыты кетти жалбыздын,
Жарыгы өчтү жылдыздын,
Баасы кетти кундуздун,
Байымы кетти кыргыздын,
Барбардигер кудурет Пааналаган пендеңе
Кандай күндү туугуздуң?
Кыскасы, Арстанбектин чыгармачылыгын кандай көз карашта туруп баалабайлы, анын көркөм сөздүн чебери, чоң акын экендигин жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бул анын аброюн арттыруу максатында айтылган жөн жай гана сөз эмес, кийин колго тийген чыгармаларынын негизинде чыккан реалдуу пикир. Ага Каңтарбай менен айтышы ачык күбө. Бул чыгарма «Тар заман» менен тикеден-тике тутумдаш. Айтылыш шартына, ордуна карай айтыш дегенибиз менен акын дын өзү жашаган мурунку, кийинки доор, замана заңы, калктын келечеги жөнүндөгү ой толгоолору анын мазмунун түзүп, жанрдык жагынан салттуу айтыштан айырмаланып турат. Маа лымдоочулардын кабарында «Тар заман» көлөмдүү, узак ырдалып жүрсө да, бизге кыскарган түрү келип жетти. Оозеки жашагандыктан, алымча-кошумчага учурашы да табигый көрүнүш.
Арстанбек өз чыгармачылык өмүрүндө арман, санат, терме, керээзден тартып, коомдук-социалдык мааниси терең көлөмдүү толгоолорго чейин жараткан. «Төштүк», «Кожожаш», «Чоро», «Бердикожо жалгызым», «Беш казак» сыяктуу эпос, поэмаларды жана «Көкөтөйдүн ашын» чебер аткарган дешет. Бирок ал айткан эпикалык чыгармалардын биринин да тексти бизге жеткен жок.
Арстанбек айтыш өнөрүнүн ири устаты. Өз ырындагы маалыматка жана Чоңду ырчынын:
Чынында да Арстанбек,
Ырчылыкка мыктысың,
Айтышам деген акынды
Алкымдап алып жыкчусуң –дегенине караганда бир да акын айтышта, комуз чертүүдө астына чыкпайт. «Керээзинде» 16 жашында Кокон Ордосуна барып, көптөгөн комузчулар менен чертишип, ырчылар менен айтышканын эскерсе да, жалгыз гана Сарт ырчы (Ысакан) менен комузда беттешкендиги жөнүндө маалымат бар. Ары акын, ары чоң комузчу Музооке менен комузда күч сынашып, ырдашкан дешсе да, тексти бизге жеткен жок. Казак Тезек төрөгө барып, «Тар заманды» ырдап, купулуна толот. Экөө айтышыптыр» деген да сөз бар, бирок колдо материал жок. Казак акыны Каңтарбай жооп кайтарбастан жеңилсе, Сүйүмбай экөөнүн айтышы эки чоң акындын сөзгө болгон чебердигин, логикасынын күчтүүлү гүн айкындап, айтыш өнөрүнүн бийиктикке көтөрүлгөн класси калык формасын түзөт.
Кыргыз маданиятынын тарыхында Арстанбектин музыкалык мурасы – тексттүү жана кара күүлөрү чоң из калтырган. 500гө жакын күү чертиптир, эки жүзү өзүнүн төл чыгармасын түзөт деген сөз бар. Бирок негизинен анын музы ка лык мурасына кол тие элек. Алгач 1922-ж. К. Мифтаков 37 күүнүн тизмесин берген. Ки йинчерээк залкар комузчулар аркылуу бизге жеткен «Арстанбектин арманы», «Кер бези», «Кет Букасы», «Ат чубатар ботою», «Солтон Сары», «Анжыян күүсү» уккандарды кайдыгер калтырбайт. Албетте, Арс танбек тин күүлөрүнүн көбү бир нече адамдардын аткаруус унда бизге жетип, фольклордук мүнөз алган. Кеч болсо да иликтөө, изилдөө ишин колго алуу музыка изилдөө чүлөрдүн алдында турат.
Канткенде да калк кадырлаган улуу инсан, залкар акын, чыгаан комузчу, ырчы, обончу, күүчү Арстанбек эл эсинде гана эмес, кыргыз адабият тарыхында да өз ордун ээлеши абзел.
Батма КЕБЕКОВА
ТОГОЛОК МОЛДО
Катылуу казына көпчүлүккө сыртынан дүң болгон менен баалуулугу, молдугу канчалыкка турары белгисиз, сырлуу. Даңазалуу демократ, агартуучу, жазма классик акын Тоголок Молдонун чыгармачылыгы ушу кезге дейре ошо тариздүү. Анткени калайык-журт билген, окуган Тоголок Молдонун мурасы эки томдук китеп менен гана чектелүү.
А чын-чынына келгенде Кыргыз илимдер академиясынын кансалыгында улуу акындын өз колу менен табыштаган кенчи өтө арбын сакталуу бойдон жарыкка чыгуу кезметин күтүүдө. 1940-жылы акындын 80 жылдык тоюна карата ачык, так жардалган көп далилдердин ичинен А.Убукеевдин: «Тоголок Молдо Кыргызстандын тил жана адабият институтуна тапшырган 190 басма табак чыгармалардын ээси» – деп айтканы жетиштүү болор. Ал эми калайыкка маалим эки том китебинин көлөмү 40 басма табакка жетер-жетпес. Салыкта камалуу бай казынаны айрым гана илим, адабият чөйрөсүндөгү адистер аңтарып таанышып, көп кырлуу, терең сырлуу таланттын кудуреттүүлүгүнө куштарланышат. Илимий, адабий иликтөөлөргө, талдоолорго пайдаланышат.
Атаганат, Тоголок Молдону толугураак жалпы журтчулуктун энчисине айлантсак, көңүлдөрүнө тартууласак дал ошондо гана анын чын кадыр-баркына жеткире баалоо, улуулугун урматтоо мамилебиз артылбайт беле.
Адаттагыдай өмүрүн, чыгармачылык баянын эмес, азыркы көпчүлүк жаштарга бейтааныш маанилүү даректер, тарыхый, маданият мейкиндигибиздеги Тоголок Молдонун ардактуу орду, эбегейсиз эмгеги учурунда жана эми кандайча бааланууда, мына ушулар жаатында сөз козгомокчубуз.
Жогоруда көрсөтүлгөн 190 басма табак чыгармалардын басымдуу көлөмүн «Манасчылардын ичинде «Манасты» өзү жазып берип жүргөн жалгыз гана Тоголок Молдонун» (К.Маликов) «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпостору ээлейт. Булардын бардыгы 11 томдон турат, 98703 ыр сабын түзөт…» Идеялык-көркөмдүк жагынан Тоголок Молдонун варианты жыйырмадан ашык вариант тардын ичинен өзүнчөлүккө ээ. Толук жана мыкты деп эсептелген Саякбай Каралаевдин вариантына теңтайлаш турат. Ушундан улам Тоголок Молдонун варианты басма бетине чыгууга муктаж экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү» (О.Сооронов. «Тоголок Молдонун варианты», «Илим» басмасы. 1981-ж. 120-бет).
Башка чыгармалары да аз эмес. Алсак, кыргыз элинин тарыхын иликтеген санжыралар табылгыс мүлк эмеспи. Алар: «Тарых» (түпкү аталар), инв. № 1431, 29бет, 1940-ж., араб тамгасы, «Уруулардын бөлүнүштөрү», инв. №1416, 95-бет, 1940-ж., латын тамгасы, «Калыгул. Кыргыз тарыхы», инв. 1015, 48-бет, 1926-ж., араб тамгасы, «Кыргыз тарыхы жаатындагы уламалар», инв. 1019, 42-бет, 1940-ж., латын тамгасы. Булардан биздин тарыхчылар окуп пайдалангандыктарын өз кулагыбыз менен укканбыз. Эми элге жеткирүүбүз керек. «Ала-Тоого» сандан-санга жарыяланган Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхын» калкыбыз кызыгып окубадыбы. Ал өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Демек, Тоголок Молдонун «Кыргыз тарыхы» да жарыяланууну күтүүдө. Баса, ушерде айтчу бир сөз ыктуу.
Убагында Белек Солтоноев дагы Тоголок Молдону издеп, эңсеп кездешкен, кыйла күн бирге баарлашкан, санжыра сырына да каныккан, чыгармаларын (кол жазмаларын) жыйнап кеткен даректүүлөрдүн биринен болгон. «Колхозчу» гезитинин 1940-жылдын 10-июнундагы санында жердеш Тоголок Молдонун 80 жылдыгына арналган (акындын өз оозунан жазылган) макалада «1929-жылы Белек Солтоноев деген Кыргызстан илим изилдөө институтунан келип, акынды Нарынга чакыртып, бардык ырларынан жана бардык өзүндө болгон адабияттарынан («тарыхынан» да болуу керек – Ш.Б.) көп материалдарды алып кетет. Эмгегим ишке ашаар деп кубанып жүргөн учурда анын да эч дайны чыкпай жоголот» деген сөз дөр бар.
Жогоркулардан тышкары эл оозундагы аңгемелерди, болмуштарды чыгармачылык менен кыска, элестүү кара сөзгө калыптап жазгандарынан «Толубай», «Асан Кайгы», «Токтогул ырчынын сөзү», «Алдаркөсөнүн аңгемеси», «Жейрен Чечендин аңгемеси» ж.б. «Куштардын түрлөрү», «Малдардын төл жана касиеттүү аттары», «Тоо чөптөрү», «Жылдыздардын аттары» Кусейин Карасай уулунун өтүнүчү боюнча «Кыргыздын толук сөздүгүн» түзүүгө карата жа зылган.
Ал эми «Орус падышасы менен кытай императорунун бирин бири сынашы жаатындагы аңыз», астрономияд ан материалисттик түшүнүктөр маалымат берген «Тоотай мерген менен үч аркар», «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу» икаялары өтө кызыктуулугунан «Кыргыз совет балдар прозасынын антологиясына» бет ачар катары киргизгенбиз.
Чыга электеринен: «Зар заман», «Байыт ыры», «Акындар жөнүндө», «Үмүр баяны», «Курбума каттын» ар биринин өзүнчө татаал да, талаштуу да, таңданарлык да тагдыры бар. Кыскача чечмелөөгө аракеттенели. Кийинки кездерге чейин «замана» багытындагы чыгармачылыкты сындап, жаап келдик. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Алдаш Молдонун жазгандары кеңири жарыяланып элге сунуш этилүүдө. Антүүгө эркин мүмкүнчүлүк берген айкындык дооруна чейин аларды билсек да билмексендикке салууга, аттап өтүүгө же кайпып сындоого мажбурландык. Атүгүл айрым сынчыларыбыз Тоголок Молдону: «Калыгул мындай деген эле, Арстанбек тигиндей деди эле» – деп, алардын сөздөрүн кайталап өтөт, буга караганда ошол замана поэзиясынын таптык саясый маанисине ачык түшүнбөгөнү байкалат» деген дооматты жакында кубатташкан.
Эми «Замана» поэзиясынын башкы акындары эркиндикке чыккан соң, Тоголок Молдонун «Зар заман» түрмөгүн да калкыбыз окууга тийиш. У.Абдукаимов «Советская Киргизия» гезитинин 1940-ж. 10-июнундагы санына басылган «Тоголок Молдо» деген макаласында: «Оторчулук эзүү элди аябай мөгдөткөн. Бай-манаптардын салыгы өтө арбыган. Сандаган букаралар жайыттан, малдан айрылган». Арстанбек менен Молдо Кылычтын поэмаларын улантуу иретинде өз чыгармасын «Зар заман» атаган. Анда акын элдин элкин тирлик жөнүндөгү ой тилек, үмүтүн гана чагылтпастан, эзүүчүлөрдү жек көрүүгө чакырып, акыйкаттыкты талап кылган» – деп жазат. Узакбай ушул эле оюн ошол эле күнү чыккан «Ленинчил жаштагы» «Алтын доордун ырчысы» деген макаласында да бышыктайт.
«Адам түштөн кийин акылына кирет» деген ата сөзү акылдын көзү экени мына бүгүн да далилденүүдө. Айкындуулук тыюу салуудан куткарганда айрымдарыбыз, өзүм да «Болот калемге» Молдо Кылычты киргизбегенге өкүнүүдөбүз. Пендебиз да. Ал кезде атайын жана өз цензура уруксат бербегенин саамга унуткарып да коёбуз. Романды кайра бастыруу мүмкүнчүлүгү тийсе, а балким, Кылычтын өзү жөнүндө чыгарма жазып калсак, өкүттөгөнү толуктарбыз.
Жамаатташ жашаган, кыйла ирет жолугуп баарлашкан, бири-биринин чыгармаларын окушкан ошо доордогу көзгө сүртөрлүк эки жазма акындын эл тагдыры, тарыхына байланыштуу атуулдук, чыгармачылык бийик паразаттары тууралуу кеңири, элестүү сөз козгоо ойдогу мүдөө. Айтмакчы, кайтадан азаттыкка чыккан жолу катуу Молдо Кылычты жашы улуураак калемдеши, асыл мүнөз Тоголок Молдо кең пейилдүүлүгүнөн бийик баалаган ырын «Ала-Тоо дон» жалпыбыз окудук:
Молдо Кылыч даанышман Козгоп айткан алыстан. Акындарды сайратса Жалгыз чыгат алыстан.
Акылынын молунан
Акындыктын зорунан адабият тарыхтын
Айтып кеткен жолунан.
Бул «Акындар жөнүндө» (дептер №80) абдан кыскартылып, аттатылып чыгып жүргөн ыр түрмөктөрүнүн уютмасында. Түрмөк толук жарыяланганда башка акындар да салт, сапаттарына жараша санжап менен сыпатталат. Дегинкиси, Тоголок Молдо өз доорунун кеңири маалыматтуу, окумал, көптү билүүгө талаптуу дилгирлиги менен өзгөчөлөнөт. Сүрөттөгөн окуяларды, каармандарды башаламандатпайт, чаташтырбайт, так, элестүү иликтейт. Акындын бул артыкча сапатын окумуштуулар анын ойлонуп жазма сабаттуулугунан, чыгармага жооп туу, аруу көз карашынан да эсептешкендери туура.
Дал ошол касиеттер Тоголок Молдонун кыргыз урууларын иликтөөсүндө, Манастын чоролору, сарбаздарын түгөл ирети менен сыпаттоосунда, манасчыларды тактап, а деп айта баштаган «Ырамандын Ырчы уул жомокчунун башчысынан» тартып, кийинки Молдобасан, Саякб ай ж.б. чейин отуз бир жомокчунун качан, кайдан, кандайча айткандарын сүрөттөөс үндө даана көрүнөт. Кызыгууну арттырар нерсе – бир манасчынын ысымынын аталышы: «Какшаал жери чериктен Жусуп акын калбасын». Көрсө, Сагынбай менен байма-бай айтышкан какшаалдык айтылуу манасчы Жусупакунду билчү экен. Арийне, өткөн күздө Жусуп Мамай келгенде, Тоголок Молдо жазгандай, Жусупакун «Жайлоосу Аксай, Чатыркөл, жайдары жүрүп көнүккөн, Какшаал жери чериктен» экенин өз оозунан угуп сүйлөшкөнбүз. Көптү туюнууга, иликтөөгө даректер, как ошол агартуучулук далалаты аркылуу элдин сезимин байыткан Тоголок Молдо өз эли, жеринен сырткары руханий кенчт ерге да кунттанган. Албетте, шартка жараша, чама-чаркынын жетишинче. Ошончону билип жайылткандары эле мезгилинин алдыңкы даанышманы экенин далилдейт. Баарын коюп, бу жерге «Казак акындарындагы» Мавликай, Жүсүпбек, Чортонбай, Сүйүмбай… баштагандарды окуп, айтып жүргөндөрүн, Майкөттү көрүп-укканын, кийин Жамбылдын тоюнда жанаша жүрүп, иниси Мухтар, Сабит, Кенен деген толуп турган акындарга таанышканын элестүү ыр ыргактары менен жазганын кыпчый кетүүбүз жетиштүү болор.
Тоголок Молдонун маалыматтуулугуна шек туудурган кине коюулар республикалык жана союздук басма сөздөрдө айрым окумуштуу адабиятчылар тарабынан жарыяланып, эл арасына, илимий чөйрөлөргө басмырлаган пикир жайылтууга аракеттер ачык жасалды. «Жүз жыл мурда жашаган карапайым кыргызды» Ш.Бейшеналиев өзүнүн «Болот калем» романында «жакшыртып көтөрм өлөп» койду, бул кадимки Тоголок Молдо эмес, өзгөр түлгөн, жаңыланган Тоголок Молдо деген дооматтар болду». Ал эми Тоголок Молдо өткөн кылымдын аягында кыркка чыгып, атагы белгилүү болгон акын, кол жазма казалдарын таркаткан жашы улуу замандашы Молдо Ниязды «каяктан билди» деп үрккөнүбүз кандай? Кыргыз жери танапташ, таланттар бири-бирине кулакдар болушкан, билишкен, кездешүүнү эңсешкен. Тоголок Молдо түндүктү эле түрө кыдырбастан, Кетмен-Төбөгө келип, Токтогул менен үч айлап бирге жүргөн кездеринде Фергана өрөөнүн аралашкан. Аяктан да көрүшү, угуусу, окуу су ыктымал. Б.Юнусалиев: «Молдо Нияз өзү ат арытып кыдырган Түндүк Кыргызстандын Жумгал, Кочкор, Суус амыр, Чүй, Талас, Ат-Башы, Нарын жерлери жөнүндө эскерген» – деп бышыктайт. Демек, Тоголок Молдо дарексиз калыппы?!
Көрүнүктүү адабиятчы, убагында Кыргызстанда иштеген М.Богданова Тоголок Молдонун чыгармачылыгын ири алдыңкылардан болуп изилдеген илимпоз. Ал 1957-ж. Москвада чыккан «Кыргыз поэзиясынын антологиясына» жазган баш сөзүндө мындай аныктайт: «Тоголок Молдону биз казак Чокан Валиханов, Абай, татар Каюм Насири, Тукай, азербайжан Ахундов менен бир катарга коёбуз. Анткени ал кыргыз чөйрөсүнүн шартында кол жазма адабияты аркылуу ошол кездеги кыргыз коомунда пайда боло баштаган прогрессивдүү демократтык жаңылыктарды чагылта алган. «Ал эми «Кыргыздын элдик акыны Тоголок Молдонун чыгармалары тууралуу, XIX кылымдын экинчи жарымы, ХХ кылымдын башы (Изд. АН СССР, Москва, 1953) деген эмгегинде М.Богданова минтип бышыктайт: «Тоголок Молдо Токмоктогу учурунда классикалык адабияттын салттарына каныгуу менен прогрессивдүү идеяларга таанышуу мүмкүнчүлүгүн алган». (Ушундай эле ойду «Кыргыз тарыхынын» биринчи басылышында С.Абрамзон да айткан). М.Богданова жогорку изилдөөсүндө оюн дагы уланта дааналайт: «Тоголок Молдонун поэзиясына кыргыздардын нукура элдик оозеки чыгармачылыгы гана эмес, татардын жана казактын жазма адабияты чоң таасирин тийгизген. «Боз жигит», «Баян сулуу», «Кыз Жибекти» жат билген. Анын акын катары калыптанышына прогрессивдүү татар жана казак жазуучулары аркылуу таанышкан улуу орус адабиятынын таасири шыктантп ай коюшу мүмкүн эмес.
Тээ дээринен шыктуу бала кезинде Тоголок Молдонун «Качкан кыз» казалын жаттап ырдап, даңазалуу акынды сыртынан ардактаган Аалы Токомбаев кийин чыгармачыл ага-инидей ынак мамилелеш болгон. Ал Тоголок Молдонун күүлүү-демдүү чагында да, кийин да далай кат, макалалар, эскерүүлөр жарыялаган, юбилейинде баяндама жасаган. Элестүү салыштыруу менен жогору баалап, Тоголок Молдону А.Токомбаев «Караңгыда жанган чырак болгон»
(«Кыргызстан маданияты», 26-сентябрь, 1985-ж.) – деп атаган макаласында.
Сыртынан гана эмес, кезегинде сырдана нечен ой бөлүшкөн А.Токомбаев академиктик илимий көз караштан салмактуу баяндайт: «Тоголок Молдо жазгыч акындардын ири өкүлүнүн бири. Ошондуктан ал чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, эл анын ырлары менен революцияга чейин эле кол жазма түрүндө кеңири таанышкан. Ал эми акындын татарча, өзбекче, казакча тил билиши, ар кандай китептерди эркин окуй алышы кандайдыр бир деңгээлде анын чыгармачылыгынын андан ары тереңдешине мыкты өбөлгөлөрдү түзгөн. Асыресе, ошол билиминин натыйжасында орус адабияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Казактын көркөм маданиятын бир топ өздөштүргөн, адабиятын окуган. Айрыкча Абайдын чыгармалары менен кеңири таанышкан. Ал эми Абай өз учурунда орус акын-жазуучуларынын чыгармаларын казак тилине көп которгон. Мына ушул казак адабияты аркылуу орус маданияты менен таанышкан Тоголок Молдонун чыгармаларында таасирленүү болбой койгон эмес. Маселен, бул анын жазган тамсилдеринен даана көрүнөт. Бул жөнүндө адабиятчыларыбыз өздөрүнүн изилдөөлөрүндө айтып, жазып жатышат. Эң башкысы – Тоголок Молдо өзүнүн чыгармачылыгын жазма адабияттын булагынан (оозеки адабият менен катар) өнүктүрг өндүгүндө» (Акындын асыл мурасы. «Советтик Кыргызстан», 29. IX. 1985-ж.).
Жаш кезинде төрүндө сыйлап, акылман карыядан ата-баба санжырасына каныгып ак батасын алган академик жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков «Залкар акын» («Ленинчил жаш», 10-июнь, 1960-ж.) аттуу макаласында таа сын баалайт: «Биздин кеменгер акыныбыз Байымбет Абдыракман уулу – Тоголок Молдо артына өлбөс мурастарды калтырган жарык ойдун залкар акыны. Акындын ырлары, поэмалары, тамсилдери, жомоктору элдин жөнөкөй тили менен көркөм чагылышта жаралган. Мааниси терең, ою так, кайсы гана чыгармасын окуба, ал акындын жашап өткөн заманынан кабар салып турат. Ал чоңго да, кичинеге да бирдей баамдалат. Ошондуктан, Тоголок Молдо өз заманынын күзгүсү, жарчысы.
Залкар акындын терең маанилүү, көркөм поэзиясы дал ошол сонун сапаттары менен биздин укум-тукумга кымбат мурас болуп калат».
Тоголок Молдонун жергесинде, үйүндө да болуп, андан сырт кары көп кездешип баарлашкан, китебине баш сөз, макалалар, эскерүүлөр жазган сынчы Ө.Жакишев адамдык, акындык өзгөчө касиеттерин элестетүү менен «Тоголок Молдонун лирикалык ырларында жазма адабияттын таасири бар экендиги сезилет. Алишер Навои менен Низаминин казалдарын окуган. Лейли менен Мажнундай, Зулайка менен Жусуптай поэмалардын каармандары аталат» – деп так көргөзөт.
Атактуу тилчи, профессор Х.Карасаев «1924-жылы эле «Эркинтоо» газетасында иштеп жүргөндө «Кедейлерге насыят» аттуу эң сонун поэмасын бизге салып жиберген эле» деп келип… 1928-жылдан баштап илим мекемесинде «илгертен бери жазып келаткан» Тоголок Молдо Ба йымбет Абдыракман уулу менен кызматташ, пикирлеш өткөнүн кызыктуу баяндайт. «Чын эле беш күндөн ки йин келди. Куржундун эки көзү кол жазмаларга толтура чыгарма экен. Карап отуруп таң калдым. Анын дептерлери бир укмуш, узуну да, тогологу да бар экен. Ошонун баары толугу менен жазылгандыктан, тим эле башың адашат. Профессор карт даанышмандын акындык жана адамдык артыкча касиеттерин мындайча эске тутат: «Биз аны акын, болгондо да чоң жазгыч акын катары билебиз… Ал макал, ылакаптарды кошуп, мизилдетип мыкты сүйлөгөн, майда-барат пайдага көз артпаган, ички маданияты жогору… кыргыз адабиятында өзүнчө жана өзгөчө орду бар чоң талант. Муну эч ким тана албайт… Тоголок Молдонун ырларын, поэмаларын бир нече иреттен окуп чыккамын. Мен көпчүлүккө белгилүү, жарым кылымдан ашык мезгилден бери сөздүк түзүп келем. Аны түзүү оңой-олтоң иш эмес. Көп окуу керек. Өзгөчө кыргыз тилин мыктылап билүү керек. Мына ушул ишке улуу акын, ири манасчы Тоголок Молдонун эң сонун чыгармалары баа жеткис көмөгүн тийгизди. Тоголок Молдо Байымбет Абдыракманов өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгондугу талаш туудурбайт. Анын ырларынан, поэмаларынан кыргыз тилинин эң сонун үлгүлөрүн, диалектиден тартып, көркөм адабият аркылуу иран, монгол, араб тилдеринен кирген не деген керемет терминдерди табууга болот… Ал элибиздин алып бүткүс терең жана теңдешсиз казынасы» («Кыргызстан маданияты». Сөз казынасы. 26.IX.1985-ж.).
Акындын мурастарын узак жылдар бою кунттанып изилдеген, жарыялаган, илимий даражага ээ болгон Ж.Таштемиров мындай тактоо чыгарат: «Аны оозеки адабияттын таасири астында гана өсүп чыккан деп айтуу чындыкка жатпас. Акын өзүнүн чыгармачылыгын өстүрүү үчүн жазма адабиятка кайрылган. Башкача айтканда, ошол кезде казак, өзүбек жана татар тилдеринде чыккан адабий китептерден, журнал жана газеталардан пайдалана билген. Жазма адабияттын таасири Тоголок Молдонун чыгармаларынын өсүшүнө шарт түзгөн».
Чыгармачылыкка өмүрлөрүн арнаган ишмерлердин жогоруда айтылган талашсыз пикирлерин сынчы К.Бобулов дагы бекемдейт: «Башынан сабаттуу болгондуктан, Тоголок Молдонун агартуучулук жагдайы элдик поэзиянын үлгүлөрүн кайра жаратуу менен гана чектелбестен, классикалык адабиятка, анын прогрессивдүү тааныштыгын далилдейт» («Поэты Киргизии». Ленинград, 1980-ж., Баш сөз, 31-б.).
Революциядан мурда илим, адабият ишине киришкен И.Арабаев башынан катышып, кадырын жогору баалаган үчүн Тоголок Молдону «тунук акын» деген.
Тоголок Молдо менен Фрунзеден, Алматыдан кыйла ирет кездешкен, чыгармаларын окуган, жарп жазыша маектешкен, 1920-ж. Башында Илим комиссиясына тапшырган «Манастын» «Семетей» бөлүгүн өздүк архивине сактап калтырган, кийин улуу акындын 100 жылдык салтанат күндөрүндө таш белги коюлган эстелик курулчу жерге гүлдестесин коюп, кубанычтуу катышкан даңазалуу казак жазуучусу жана окумуштуусу М.Ауэзов бекеринен: «Тоголок Молдонун салмагы Ала-Тоодой» – деп жардаган эместир. Жазмаларын окуган, барктаган үчүн да!
Басмачылар эки куржун кол китептерин карактаганда карт акындын зар какшаганы кимге гана маалым эмес:
Эки жыл удаа басмачы Эс оодарып торгоду.
Илгертен бери жазылган
Эки куржун болжолу
Китебимден ажырап,
Эстесем келбейт ойдогу…
«Журтта калган күчүктөй улуп калдым каңгырап» деген муңдуу кайрыктар эстүү жандын жүлүнүн титиретет го.
Ошо «карапайым кыргыз» революциядан алда канча илгери, «жүз жыл мурда» өтпөстөн, бизге доордош, кечээ жакынкы 1942-жылга чейин болот калемин колдон түшүрбөй жашаган, элдин, өкмөттүн сый-урматына бөлөнгөн, жаңы өзгөрүш заманын кубаттаган алгачкы чыгармалардын (1923-ж. Тоголок Молдонун «Эркиндик» деген поэмасы жарык көргөн. «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы». 1 том, 793-б. «Насыят» 1925-ж. басылган) жана да жыйнактардын, «Манастын» жалгыз жазма вариантынын автору, Москвадагы биринчи декаданын катышуучусу, орден менен сыйланган, көзүнүн тирүүсүндө кыргыз маданиятынын ишмерлеринен саамалык 80 жылдык юбилей республиканын партиялык, өкмөттүк жетекчилигинин камкордугу, коомдук жана чыгармачылык уюмдардын демилгелүү катышуусу астында салтанаттуу өткөн, ошондо мектеп, китепкана, көчөгө ысмы коюлган, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Илим институтунун сырткы кызматчысы, окумал, сабаттуу акын, мезгил сыноосунан сыймыкка бөлөнгөн классик! Философиялык, педагогикалык жана көркөм-чыгармачылык көз караштары, кудурети кеңири изилденген өзүбүздүн сыймыктуу классикти сабаттуулугун билип туруп, «жазма адабияттын классиктерине маанилеш даражага» көтөр бөстөн, тайкы, мажирөө, караңгы кылып көрсөтүү кимге керек? Андай каргашалуу бейадеп мамилеге ой да, кол да калтаарыр. Көзгө сүртөрлүк өзүбүздөгү бирин-серин классиктерибизди басмырласак, коңшуларыбыз даңазасын арттырып улуттук биримдиктин сыймыгына айлантып жатпайбы. Биз да кайталангыс тарыхыбыз, маданиятыбыз бар элдин тукумубуз. Улуттук сезимди, ар-намысты акыйкат доорунда жалпы элдик даражада, бөлүп-жарбай бирдикте, бийик тутканыбыз, терең түшүнгөнүбүз оң.
Журт кенчине айланган ыйык мураска текеберлик, өгөйлөөчүлүк жарашпайт, кастарлап сыйлообуз, кең аймактагы башка калктарга таанытуубуз, болочоктогу урпактарга бапестеп тартуулообуз бүгүнкү биздин баарыбыздын моюнубуздагы асыл парзыбыз. Мына ошондой асыл мамиле аркылуу гана адамгерчиликтин, адеп-ахлактуулуктун, гуманисттик аң-сезимдүүлүктүн сонун касиеттерин тута билгендигибизди айкындайбыз.
Азыркы айкындык, демократиялык доорунда көмүскөдө дымыккан көп олку жосундар ачык ашкереленүүдө. Улуу акындын кийинки тагдырына байланыштуу өкүттөлүү мамилелерди коомчулукка маалымдоого милдеттүүбүз. 130 жылдыгына эртелеп даярдык жүрбөгөндүктөн, өткөн жылдын аягында жердештеринин чоң тобу республиканын жетектөөчү жана да басма сөз, чыгармачылык уюмдарына кайрылган катта көрсөтүлгөндөй «Элдик акындын ысмын түбөлүккө даңазалап урмат менен эскерүү, юбилейлик жылдарын белгилөө партиялык, советтик органдардын жана жалпы кыргыз журтчулугунун ыйык милдети болууга тийиш». Бирок даңазалуу акындын 125 жылдыгы республикада, областта белгиленбей калган. Бул боюнча учурунда партия лык, советтик органдарга эмгекчилерден бир катар адилеттүү дооматтар айтылган.
Идеологиялык майдандын кыйла ишмерлерине куугунтуктоо уюшулуп, зомбулук өкүм сүргөн учурдун запкысы Тоголок Молдого да тийген. Анын 125 жылдыгы идеологияны башкарган жетекчинин каргашасынын натыйжасында көз көрүнөө, канча какшасак да бийликтин күчүнө басылып жүрнарылыкка салынган. Жүз жылдыктагыдай өкмөттүк юбилейлик комиссия да түзүлгөн эмес. Жазуучулар союзуна гана түртмөктөлгөн. Китептери чыгарылбаган. Жергесинде белгиленбеген. Бул маданий сыймыкты барк албоочулукка, элдик таланттан бийликти өйдө санап манчыркоочулукка жатарын ал кездеги улуктар капарларына алышпаган. Бар болгону ар чыгармачыл адамга арналып келаткандай утурумдук басма сөздөргө макалалар жарыяланган.
Ошо кездеги Тоголок Молдонун кыргыз элинин тарыхындагы, маданиятындагы небактан белгилүү төрдөгү ардактуу ордун төмөн түшүрүүгө аракеттер багыттуу жасалган. Алсак, 1986-жылы жарык көргөн «Кыргыз ССРинин тарыхынын» 2-томунда Тоголок Молдого бир жарым бетче кунарсыз, үстүртөн кайпыткан, чыгармачылык жүзү бүдөмүк кургак баяндама жазылган. Андан мурдагы 1963-жылкы «Кыргыз тарыхында» Тоголок Молдого жети бет арналып, акындык, атуулдук көз карашынын жетилүү кыйыры кеңири, ынанымдуу сүрөттөлгөн. Кийинки көлөмү кеңири «тарыхта» мындай тарлык, «оңдоо» Токтогулга да кесепетин тийгизген.
Басмакомдун 1990-жылга жарыяланган планында Тоголок Молдонун чыгармаларынын тандамал жыйнактары киргизилбеген. Албетте, күч менен шашылыш даярларын кайталап басууга үлгүрүшөт. Атаганат, алдын ала илимий изилдөө негизинде Академиянын фондусунда сакталуу ар жанрдагы кол жазма мурастарын иргеп, баштагы белгилүүлөрүнө кошуп толугураак элге жеткирүүгө, камоодон чыгарууга кезек келбедиби. Мурда тыюу салынган чыгармалар эркин жарык көргөн убакта Тоголок Молдону да толук бойдон (ар кыл шектенүүгө чарпылгандарын кошуп) коомчулукка таанытчу кез эмеспи.
Тоголок Молдонун зоболосунун жогорулугун айкындоочу башкы чындыктын бири – кыргыз поэзиясындагы демократиялык жаңы багыттын абдан таанымал өкүлү, болгондо да таланттуу агартуучу акыны катары улуу Токтогул менен адамдык жана акындык жагынан өнөктөштүгү болуп саналат. Бирин бири купулдарына толтура баалашкан, жактырышкан, көрүшүүнү самашкан эки даанышман Токтогул менен Тоголок Молдо бири-бирине жарашып, жанашып, бирин бири толуктап, көрктөнтүп, калкыбыздын руханий сыймыгын арттырып келатышат.
Чү дегенде өзүлөрүнө кайрылалы. «Кызыл Кыргызстандын» 24-ноябрь 1940-ж. санына Тоголок Молдонун «Курбум жөнүндө» деген эскерүүсүнөн үзүндү жарыяланган. Андан шилтеме:
«Токтогулдун айдоодон келгенин угаарым менен койнума батпай сүйүндүм. Учурашуу үчүн эртеси эле жөнөдүм. Коңур-Өгүз деген жерде Тагай ажынын Сулайман деген баласы өлүп, аш берип жаткан экен. Ушуга кезигип калдым. «Токтогул келет» дегенинен ашка тиккен бир үйдө олтурдум. Аңгыча: «Токтогулдар келе жатат» – деп калышты. Элдин баарысы жапырт турушуп, эшикке чыгышты. Келе жаткан көп элдин ичинен Токтогул мага жылдыздын ортосундагы айдай көрүндү. Жанында бала Калык, Эшмамбет, Жаңыбай, дагы бир топ ырчылар бар экен. Курман, Жолой экөө алым сабак ырдап келишти.
Токтогул бир көргөнүнөн жазбаган, бир айтканын унутпаган даанышман, даана адам эле. Мени көрө сала ырдаганы эсимде:
Байымбет молдо булбулум Баарынан чыккан туйгунум.
Бала-чакаң аманбы?
Басынып жүргөн кургурум, Асилиң саяк тууганым Туугандан чыккан бууданым.
Башынан өзүң билесиң
Мени манаптар сүрүп кууганын… –деп ырдап, аттан түшүп, кучакташып көрүшүп, коюндашып өбүшүп турдук».
Караңыздарчы, кандай жакындык, сыйлашуунун ысык илептери эки сырттандын өзүлөрүн гана эритпестен, ошондо жарданып көргөндөрдү да, ал тургай канча заман өткөндө ушу түрмөктөрдү окугандардын да жүрө гүн балкытып, боюн чымырата ысытаар.
Бири-бирин аяшкан, кыйышпас достордон болгондугун аныктоочу далилдер арбын. Темиркул Үмөталиев «Токтогул менен Тоголок Молдо» деген макаласында («Советтик Кыргызстан», 10-июнь, 1960-ж.) минтип жазат: «1917-ж. июль-август айлары. Азыркы Тогуз-Торо районундагы Туура-Кайың Күрөбөс деген жайлоодо Өкү дегендин ашы болуп, Эшмамбет ырчы жар чакырып ырдап турган. Сарала ат минген Токтогул келип калды. Мамбеталы деген аш ээси (Өкүнүн уулу) Касымбек деген чоң манапка жагынып:
Токо, Касымбек баатырды макта, анын күлүгү Кертайды макта, – деп кыйкырды. Токтогул эл-жерди, айдоодо жүргөнүн Эшмамбет менен алым сабактайт. Акыры: – Залимди залим дебейби, залимдер эзсе кедейди – дейт. Касымбек бастырып кетет… Эртеси ашта Эшмамбет баш болгон отуздай ырчы жүрүштү. Токтогул менен Тоголок Молдо гана эч качан ал жерге келишпегендей көздөн кайым болуп дайынсыз кетишти. Көрсө, кечээки ырдан кийин Токтогулду Базар-Коргондун найыбы Жолборс казы «карматканы жатат» деген сөздү угуп, Тоголок Молдо түнү бою Токтогулду Бытпылдыктын токоюна жеткирип, жашыруун түрдө ат-тондоп, азык камдап берип, ошондон ары качырган экен. Бул окуяны ушу күнгө чейин күнү бүгүнкүдөй айтып жүрүшкөн карыялар Тогуз-Торо менен Ак-Талаада көп. Муну адамдык кый ышпас достуктун үлгүсү дейли. Ал эми адабий достуктун ыйык салты, көз караш, эмгекчи калайыктын алдыңкы мүдөөсүн колдоо, жардоо, төбөлдөргө кулдук урбай мыскылдоо күрөшчүл, чынчыл эрдик касиеттери аркылуу ширелишкен. Дал ошол үчүн демократиялык багыттын көч баштоочулары, негиздөөчүлөрү болуп ата лышат.
Даңазалуу эки акындын достугу түбөлүккө кийинки муун дарга да ыйыкталып калганына С.Жусуевдин «Токтогул менен Тоголок Молдо» аттуу ырындагы толкунданган саптар күбө:
Фрунзеде силер болуп эстелик Турасыңар бак ичинде гүл өскөн. Эрте-кечте көп-көп адам кез келип
Экөөңөргө алкыш айтат жүрөктөн.
Фрунзеде ынактыгы сезилип Жолугушат экөөңөрдүн көчөңөр.
Тирүү кезде кол кармашып кезигип Сагынышып сүйлөшкөндөй экөөңөр.
Ысымыңар бурчтагы үйгө конушкан Көчө менен күндө басып өтөмүн. Бул дүйнөдө өлбөс болуп жолуккан Эл суктанат тагдырыңа экөөңүн.
Тоголок Молдо даңазалуу сөз чеберлеринин кимдери менен гана алакалаш болбогон. Айтылуу ак таңдай Ысмайыл менен Токтоналынын «Дайыма эскеребиз» деген арноо айтышынан бирден түрмөк келтирели:
Ысмайыл:
Басма бизде жогунда
Байыркы элдин доорунда Эмгегин элге таратып Колдон-колго өткөрдү.
Казына байлык кен кылып
Каптоосу менен тең кылып
Калк үчүн иштеп молдокем Калтырып кетти өткөндү…
Токтоналы:
… Мураталы, Токтогул, Куйручук менен курбу эле. Ар жыйында баш кошуп Аралашып турду эле.
Сагынбай менен санаалаш Жаш кезинен Манасты Жазган экен аралаш.
Калык акын үлгү алган Казак менен кыргызда Кабарын укпай ким калган.
Казактын Жамбыл карысы Катар өскөн курбу экен.
Бүткүл элдик шаң, сыймыктануу менен салтанатталган Токтогулдун 115 жылдыгында айрым аттуу-баштуу кишилердин доорлош ырчыларды эскерип, өнөктөш, атам замандан белгилүү Тоголок Молдону аттап, унуткаргандыгын зээндүү эл байкабай койгон жок. Бирөөлөрдүн ала-кула көргөнү менен улууларды урматтан, катардан ажыратууга чындык акыры жол бербейт.
Акындын элдеги мурастарын жыйноону улантуу керек. Ант кени кыйла кол жазмалары айрым адамдардын архивинде, колунда жүргөнү маалым. М.Ауэзовдун архивинен «Семетей», Бердиматов Аалы карыянын сандыгынан 1922-жылы тартуулаган «Жаштар уюмуна насыят» поэмасы табылган. Изилдөөчү маркум Ж.Таштемировдун архивинде «Өмүр баян» ж.б. бар экенин укканбыз. Ал эми айыл жерлеринде ушул кезге дейре акындын көчүрүлгөн кол жазмалары сакталып жүргөндөрүн билебиз. Нарындын «8-март» колхозунда жашоочу эски актив Кожеке Оморов Тоголок Молдонун «Манасынан» сагдыян мукабалуу калың кол китепти көтөрүп жүргөн. Ак-Талаанын Курткасындагы Жаңы-Талап кыштагында мурда Байымбет (Тоголок Молдо) мектебинде 1930-жылдан педагог, эл агартуунун отличниги карыя Биримкул Токобаевде дагы бир ошондой калың кол китеп молдокенин «Манасынан» бапестелүү. Айрым чыгармалары башка сабаттуу карыялардын колунда сакталуу. Ошолорду чогултуп жыйнап, фондуну толуктоо керектир. Дүйнөлүк классиктерден жарым барак жазма табылса, зор табылга катары бааланары, казынага алынары салттуу жорук эмеспи.
Тоголок Молдонун аваны, үнү да азем болгону, далай ашыктык аваздары элдик болуп кеткени, «Беш ыргай» ж.б. молдокең чыгарган, атактуу Калык, Молдобасан, Чоробай, Калмурат, Муса ж.б. арген үндүүлөр таалимин өнүктүргөн ша кирттери экени, «Манас», «Семетейден» уккулуктуу, мукам айтканы, В.Виноградов 1940-ж. «Жаштыкка» деген ырын нотага түшүргөнү белгилүү. Кыргыз радиосунун «Алтын фондунан» бала чагында Тоголок Молдону ээрчип жүрүп, «Манасынан» үйрөнүп таалим алган жердеши Турдумамбет Акматалиев дастандан улуу устатынын уккулуктуу ыргагы менен келиштире сабалатты. Демек, биздин музыка изилдөөчүлөрүбүз, композиторлорубуз залкар таланттын ачыла элек бул касиетине да назар салышса, катылган кенчти казып чыгарышар.
Бактысына жарашадыр, башка доорлош акындардын көбүнүн кыяфаты (фото портреттери) сакталбай, сакталса да бирди-жарым көзгө сүртөрлүк болсо, Тоголок Молдонуку азырынча табылганы эле ондон арбын. Жамбыл, Калык менен, Саякбай менен түшкөн жалпы сүрөттөрү, 80 жылдык тоюнда трибунада сүйлөп жаткандагысы да бар. Ал эми биринчи декададагы Мураталы баштаган орто жашыраак маданият иш мерлери менен орден тапшыруу сыяпатындагы тирүү, даана элесин чагылткан кино документке тартылганы көргөндүн көз кумарын арттырат. Мына ушулардын башын чогултуп, бүгүнкү техниканын кубатынан пайдаланып фото очерк, фото альбомдор түзүп элге, айрыкча окуучу жаштарга тартуулоо Журна листтер союзунун фото секциясынын, Киртагдын, агартуу министерствосунун, Жазуучулар союзунун пропаганда бюросунун алкоого ылайык иши болор эле.
Улуттук сыймыкка айланган улуу акын мындан жарым кылым илгери 80 жылдык тоюнда топуктуулук менен замандаштарына, болочокку урпактарына ыраазылыгын туюнткан:
Байымбет сенин зыйнатың Байкалып калды кымбатың. Карыганда көрдүңбү
Калкыңдын кылган урматын!
Биз өзү өлсө да сөзү өлбөс даанышмандын арбагын, мурасын сыйлаган калкы бу саам дагы азыркы улуттук сезим жогорулаган деңгээлде урмат көрсөтүүгө дилгир деп айтмакчыбыз.
Шүкүрбек БЕЙШЕНАЛИЕВ
* * *
1924-жылы Сагынбай экөөбүз Ташкенге барганыбызда бир илимий кызматкердин үйүндө болуп, ал киши Тоголок Мол дону тунук акын деп айткан болучу… Тоголок Молдо ачык, жарык жүз менен кимге болсо да таасирдүү сөздөрүн айткан, сөзү месел менен чубурган өтө сөзмөр киши эле. Ар бир сөзү тууралыкка, адамгерчиликке такалган, сабырсыздыктан, жалганчылыктан жаа бою качып, чындык, жумшак мүнөзгө чакырган акылман, келечекти кең ойлогон тегиз адам болучу. Жазган ырлары эң таасирлүү, жагымдуу болгондуктан калк сүйүп окушчу…
Тоголок Молдо ырга да, оозеки эл чыгармаларына канык жана кыргыздын тарыхын, улама сөздөрүн укмуштай билген, телегейи тегиз, чоң таланттуу адам болучу.
Ы.АБДРАКМАНОВ
«Ал ушундай болчу» «ЛЖ». 1960, 10.06.
* * *
1938-жылы Фрунзеге чакыртып келдик… Тоголок Молдо көптү көргөн, көптү билген, көп нерсеге түшүнгөн киши болуп чыкты. Ал «Манас», «Семетейден» баштап эң көп элдик ырларга, жөө жомокторго чейин билет экен. Байлардан кордук көргөн койчулар менен кошчулардын кейиш ырлары, күйөөсү өлгөн жесирдин кошоктору, малга сатылып, чалга туш болгон кыздардын арман ырлары, ылакаптар менен макалдар, аш менен тойдогу айтыштар мына ошол чүкөдөй чалдан жазылып алынды…
Атактуу ырчы Калыктын үйүндө олтуруп айткан бир сөзүн эч качан унутпаймын: «Мен эмне билсем, эмне жазсам, менден силер эмне уксаңар, анын баары элдики. Мен аларды элден үйрөнгөмүн, элден алганмын. Кайра жоголбой, эл колуна тийсе, арманым жок. «Карынын сөзүн капка сал» деген сөз бекеринен айтылбаган чы гар. Менин сөзүмдү жерге таштабай, капка салгыла. «Капка сал» десе, ушул бойдон капка бууп бекитип койбогула, китеп кылып элге бергиле…»
Ошондой мейманчылыкта эки-үч жолу Тоголок Молдо менен бирге болуп, ал кишинин оозунан көп сөз, көп окуяларды укканым үчүн өзүмдү бактылуу деп сеземин. Кыргыз ырларын канчалык көп билсе, ал киши кыргыз элинин башынан өткөн окуяларды да, элдин көргөн күнү менен тарткан азабын да ошончолук көп билүүчү…
Т. YМӨТАЛИЕВ,
Кыргыз элинин улуу акыны «ЛЖ», 1960, 10.06.
* * *
Кыргыз элинин белгилүү акыны 80 жаштагы Бай ымбет Абдракманов (Тоголок Молдо) жалаң гана эл акыны жана жазуучусу эмес, ал ири манасчы. Анын «Манасы» илгерки салттуу жомокчулардыкына жакын жана ушул күнкү манасчылардын көрүнүктүүлөрүнөн болуп эсептелет. Өзү ири акын жана эл ичинен чыккан сабаттуу киши болгондуктан, акындык күчүн батыра жумшап, «Манасты» уккулуктуу көркөм тил менен жазып берген. Анын үйрөнгөн чөйрөсү жакшы эле. Өзү айткандай:
Баатыр «Манас» Султанды, Тарыхын айтып башынан. Тыныбектен үйрөнгөн,Сабаты чыгып жашынан.
Тоголок Молдо «Манастан» «Чоң казатты», «Балалык чагын» ж.б. анан «Семетейди» бүт дээрлик жазып берди. Жазгандарын окуганда сөздөрү өтө элестүү, адамдын ой-санаасын берүү жагынан терең, жаратылышты сүрөттөөгө уста экендигин байкайбыз. Анын бир өзгөчөлүгү кайсы бир манасчылардай орду жок узарта бербей сөзү маанилүү, жыйынтыктуу, кыска келет. Манасчылардын ичинен «Манасты» өзү жазып берип жүргөн жалгыз гана Тоголок Молдо.
К. МАЛИКОВ
Эң сонун манасчы «КК», 1940, 9-июнь.
- * *
Тоголок Молдонун кыдыңдаган «Торпогун» жоктоп издешип, андан бир-эки ооз ырды жатка билбеген кыргыз баласы болбосо керек. Ылакапка айланып кеткен бул ыр элдик юмор менен сугарылган…
Тоголок Молдо кыргыз балдар адабиятынын баштоочусу болгон жана анын ысмы өз неберелеринин урматтоос уна бөлөнө бермекчи…
К. УКАЕВ Балдардын сүйгөн акыны, «Жаш Ленинчи», 1960, № 6.
- * *
Тоголок Молдо (чын аты-жөнү – Байымбет Абдракманов, 1860-жылы Нарын өрөөнүндөгү Ак-Талаа районундагы Куртка деген жерде дыйкандын үй-бүлөсүндө туул ган. Ал ошол эле жерде 1942-жылдын 4-январында каза болгон. Атасы Абдракман эл ырларын жакшы билген, жыйындарды ырдай коюп жүргөн киши болгон. Байымбет 14 жашка чейин атасынын тарбиясында өсүп, айткан жомокторун, ырларын үйрөнгөн. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын агасы атактуу Музооке ырчынын тарбиясында жүрүп эр жеткен. Молдодон кат таа ныган. Кийин молдого төлөй турган каражат жоктугунан окууну уланта албай, дыйканчылык кылууга өткөн. Ырды он төрт жашында жаза баштаган. Жигит курагында көбүнчө сүйүү темасына кайрылып, «Каракөз», «Толгонай», «Жигиттин кызга ырдаганы», «Кыздын жигитке ырдаганы» дегендей ырлар, «Үрпүкөн» аттуу поэма жараткан. Бул чыгармаларында кыргыз кыздарын уяң болбой, эски үрп-адатты жоюп, өз укугуна жетүүгө үндөйт, сүйгөнүнө карата жүрөктөгү чын сырын айтат. 18 жашында Тыныбек жомокчуга жолугуп, бир нече ай кошо жүрүп, «Манас» жомогун үйрөнгөн.
Тоголок Молдонун чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. Ал кыргыздын оозеки чыгармаларын, мифтик түшүнүктөрүн, ишенимдерин, ага карата чыгарган ырларын көп билген. Кыргыздын «Шырдакбек», «Жаңыл мырза», «Мендирмен» сыяктуу дастандарын жакшы айтып, аны жазып тапшырган. «Манасты», «Семетейди» да айткан, кыргыз элинин тарыхын үйрөнүүгө көп көңүл бөлүп, кыйла жерди кыдырып санжыра жазып жүргөн.
Тоголок Молдо эки доордо жашап, эки доордо тең чыгармачылыгын уланткан акын болгондуктан чыгармалары эки доорго бөлүнүп каралат. Октябрь революциясына чейинки чыгармаларына сүйүү темасындагы ырлары, кошоктор, армандар, фольклордук сюжет боюнча жазган чыгармалары, тамс илдери, ашкерелөөчү ырлары жана башкалар кирет. Эгер Тоголок Молдо сүйүү ырларында жаштык ой-кыялын, ашыктык сезимин билдирсе, «Дыйкандын аялынын кошогу», «Маананын кошогу» дегендеринде эмгектин маанисин өзгөчө даңазалап көрсөтөт; «Чалга берген кыздын арманы», «Жаш балага берген кыздын арманы», «Насыяга кеткен кыздын арманы» ж.б. арман ырларында кыз-келиндердин адамдык укуктан ажырап, мал катары сатылганына, насыяга кеткенине жаны ачып, ошондой абалга кириптер кылган эски үрп-адатка наалат айтат. Фольклордук сюжеттен алынган «Кемпир-чал», «Бабыркан», «Телибай тентек» сыяктуу чыгармаларында өткөндөгү түркөйлүктү ашкерелеп, адамдардын сезимин шоолалантууну көздөйт. Ал эми сатиралык ырларында бай-манаптардын, бий-болуштардын, эшен-калпа, кожолордун, казылардын терс кыял-жоругун мыскылдайт. Ал «Тезек-тагай эли тууралуу», «Чачынын кошогу», «Селде оронгон молдо кой», «Кожонун аңгемеси», «Кемчонтой» (1900) деген ырлары менен поэмаларында ач көздөрдүн, акылсыз бий-болуштардын, эки жүздүү дин өкүлдөрүнүн типтүү образдарын түзгөн. Тоголок Молдо тамсил жанрында көп чыгармалар жазган: «Бөрү менен түлкү», «Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы», «Каркыра менен түлкү», «Эшек менен булбул», «Иттин доолдай тиктирем дегени», «Уй музоосунан сыр сураганы», «Куба кой менен ээси», «Суу кушу менен боз кушу» ж.б. Тамсилдеринин баарында тең түлкүдөй куулар, бөрүдөй алаңгазар зөөкүрлөр, эшектей макоо бийлер, кырчындай жырткыч бийлөөчүлөр ж.б. терс көрүнүштөрдү сындайт. Булбул тилдүү акындардын талантына баа берилбегенине, Каркырадай, Куба койдой момундардын өткөн заманда кор болуп, зулумдардан катуу эзилгенине өкүнгөнүн билдерет. Тоголок Молдонун тамсилдери – кыргыз жазма адабиятындагы тамсил жанрын түптөнткөн чыгармалардан.
Тоголок Молдонун калкка кол жазма бойдон тараган «Өзгөрүш» (1918), «Насыят» (1925), «Эркиндик» (1919– 1923), «Аткантаң менен Сүйгөнбай», «Кедейлерге насыят» деген поэмаларды жараткан.
Тоголок Молдо 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышып, андан алган таасирлерин «Бактылуумун», «Жыргадым», «Сырым» деген ырларында айткан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги чыгармаларында согуш элге бүлгүнчүлүк алып келгендигине кейийт, элди ынтымакка, душманга катуу сокку урууга чакырган ишенимди билдирет. 1940-жылы Тоголок Молдонун 80 жылдык, 1960-жылы 100 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. Акындын ысмы менен Кыргызстанда айрым кыштак, совхоз, колхоз, көчөлөр аталат. Фрунзе шаарында эстелик орнотулган. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Чыгармаларынан орусча которулгандары бар. Чыгармачылыгы боюнча изилдөө иштери жазылган.
(КСЭден)
ЖЕҢИЖОК
Жеңижоктун өз аты – Өтө. Ал Таластагы Сарыкөбөн деген жерде (азыркы Манас району, Покровка кыштагы) Көкө деген кедейдин үй-бүлөсүндө 1860-жылы туулган. Энеси Алтынай Аксыдагы (азыркы Ош областынын Жаңы-Жол району) Карасуу кыштагынан болгон. Өтө ата-энесинен эрте ажырап, «ала» оорусу менен ооруп, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп калат. Тестиер бала өзү курдуу балдар менен ойноп жүрсө, Ташкара деген бай жигиттерин чакырып:
- Тээтиги бала «ала» менен ооруган эме экен, муну айылга эмне жолотосуңар?! Оорусу жугат. Бир көк жетимден эл көбөйбөйт да, азайбайт. Алып барып Карабууранын суусуна салып жибергиле!.. – деп буюрат.
Эки жигит Өтөнү Карабуура дарыясынын жээгине алып келет. Бирок жылдыздуу баланын (эскерме сөздөргө караганда, Жеңижок адамдын сулуусу болгон экен) өмүрүн кыюуга диттери чаппай, боорлору ооруп, кой айдаган соодагерлерге кошуп: «Биерден көздөн далдаа кетпесең болбойт, Аксыдагы таякелериңе барып, ошояктан күнүңдү көр» – деп качырып жиберет. Өтө мал айдашып, Кумбел ашуусун ашып, Кербен (азыркы Караван) кыштагына келип, Бекмурат дегендин үйүндө туруп калат. Көп убакыт өтпөй эле Карасуудан Садыр деген киши жумуштап, Бекмураттыкына келип түшөт. Кыраакы адам Өтөнүн чоо-жайын билген соң, Бекмуратка: «Сен бу баланы мага бер, бизге жээн болот экен, таякелеринде жүрсүн» – деп атына учкаштырып, Карасуу кыштагына – үйүнө алып келет. Садырдын энеси Айыке Таластын кызы болгондуктан ылымсып, Өтөнү бала тутунат. Өтө: «Оорум башкаларга жугат» – деп, салып берген төшөккө жатпай, саманга түнөп жүргөнү Айыкеге угулат. Айыке Өтөнүн кийимин чечтирип, денесиндеги жаратын көргөндөн кийин, Кезарттагы далычы деген дарыгер адамга алпарып, таза айыктырып келет.
Айыке Өтөнү айылдык жалданып келген өзбек молдолоруна окуттуруп, сабатын ачат. Айыкенин ою боюнча, Өтө бир айылдын молдосу болуп, тынч оокат-тиричилик кылышы керек эле, бирок Өтө ырчы болууну эңсеп, кайсы айылга акын, комузчу, манасчы, семетейчи келсе, ошолордун жанынан чыкпай, оңтою келген учурда ырдай коюп, оозго илине баштайт. Дал ушул учурда жаш Өтөнүн турмушунда бир окуя болот.
Кеч күздө бир топ адам (ичинде Өтө да бар) Намангандан базарлап келатып, Кербендин базарына кайрылышса, элдин ортосунда кыргыздын оң канатынын Тогунай уруусунан чыккан айтылуу Нурмолдо ырчы дин, шарият жайынан ырдап жаткан экен. «Тиги дүйнө» деп элдин башын айлантып жаткан Нурмол до ырдап токтолору менен, угуп турган Өтө алгач өзүнөн улуу кишиге ырдап салам айтат, анан суроо артынан суроо жаадырып, Нурмолдонун шаштысын кетирип, айткан сөздөрүн жокко чыгарат. Нурмолдо жооп бере албай калат. Ошондо Өтөнү биринчи көргөн эл эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш жигиттин төгүп ырдаганына таңданып:
- Атаңдын көрү-ой, бу Жеңижок, жалмаңдаган анык жеңи жок эме экен го? Жеңижок бала жеңди, бу Жеңижок кыйын ырчы экен! – деп дуу дей түшөт.
Ушундан улам Өтө «Жеңижок» атыгып кетет.
Көп өтпөй Жеңижоктун атагы бүткүл Аксыга тарайт. Бая лы деген аксакал менчик жеринен ага жер бөлүп берип, там салганга, бак тиккенге жардам көрсөтөт. Жеңижок Артыкбайдын Көксулуу деген кызына үйлөнөт. Таластан бир туугандары Болотойду, карындашы Каракызды алып келет, орун-очок күтүп, Аксыда биротоло туруп калат.
Туугандары менен жердештеринин айтуусуна караганда, Жеңижок 1918-жылы 58 жашында кайтыш болот. Чомпол көрүстөнүнө коюлган. Ырчынын там-ташы, бакшагы жайгашкан жер ди эл «Өтөнүн ыраваты» деп атаган. Ал тамдын ордуна «Карасуу» орто мектеби орношкон. Өтө өз колу менен тиккен жаңгак, жүзүм, өрүк, талдар али да көгөрүп турат.
Бардык таланттуу адамдардыкындай эле Жеңижоктун да чыныгы өмүрү эл арасында кеңири таралып, ооздоноозго көчүп, айрыкча урмат менен айтылып жүргөн чыгармаларында калган. Жеңижоктун өзү жазып, кагазга түшүрүп кеткен чыгармалары же алардын көчүрмөлөрү азырынча табыла элек. Ырчы ошо кезде эле:
Арманга толо муң калды,
Аз кыргызым окуурга
Ак куржун толо ыр калды,
Арманым айтсам жаманбы,
Аз кыргызым кат билбейт
Кантейин, аңкоо кылган заманды –деп, өзү жазып калтырган чыгармалардын тагдырына кейиген экен. Эгер Жеңижоктун кол жазмалары табылса, анын акындык өзгөчөлүктөрү, көз караштары бизге алда канча даана көрүнмөк. Ал чыгармаларды ырчынын эл оозунан жыйналып алынган чыгармалары менен салыштырып кароого мүмкүнчүлүк түзүлмөк. «Ак куржун толо ырды» Жеңижок бир күндө отуруп жаза салбагандыгы, ал аны көп жылдар бою кастарлап жыйнагандыгы, эң бир асыл ой-кыялын, мүдөөсүн чагылдырган кымбат мүлкү болгондугу жана ага ал ар кай жерде ырдаган ырларынын бардыгын эле киргизе бербегендиги, албетте, түшүнүктүү. Жазган адамдар демейде элге жарыя кыла бербеген, эң жакын адамына да айтпаган ойлорун өзү жалгыз отуруп, болгонун болгондой кагазга түшүрүп, артына таштап кетет эмеспи, Ырчынын өз элинин сабатсыздыгына кейип: «Жазган ырларым кийинки муундарга жетеби, жетпейби» – деп күмөнсүп жатканынын бир себеби да ушунда болуу мүмкүн.
Эл ичинен жыйналып алынган чыгармаларына, замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда Жеңижок тарбиялык мааниси терең, уккан элдин акылына уюп турган кептерди санаттап айткан чоң нускоочу акын, калк алдына бетме-бет чыга келгенде эч кимден жеңилбеген айтыштын устасы, «Манас», «Семетей», «Кожожаш», «Эр Төштүк» өңдүү элдик эпосторду күн-түндөп айткан жомокчу, чу деген жерден оозунан ыр куюлган төкмө, өз заманын окуй билген, жаза билген билимдүү, түш ү нүктүү адамы болгон.
Жеңижоктун чыгармачылыгындагы демократтык багыт, албетте, өзүнөн өзү кокусунан пайда боло калган эмес. Муну шарттап турган бир катар маанилүү факторлор бар. Ал факторлордун ичинен биз, биринчиден, ошол учурдагы таптык карама-каршылыкка жык толгон турмуш чындыгынын өзүн, экинчиден, оозеки чыгармачылыктын чыныгы элдик прогрессивдүү традицияларынын күчтүү таасирин, үчүнчүдөн, Жеңижоктун улуу демократ акын Токтогул менен тыгыз карым-катнашта болуп, ой-пикирлеш жүрүүсүн жана төртүнчүдөн, сабаттуу ырчынын чыгыш классиктеринин гуманисттик терең идея лары менен түздөн-түз тааныш болушун айрыкча бөлүп көрсөтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Булар Жеңижоктун коомдуксоциалдык көз-караштарын гана эмес, анын акындык индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн аныктап, чеберчилигинин булактарын көрсөтүп турган да факторлор экенин эскерте кетүү парз.
Өткөн кылымдын акындарынын көпчүлүгүндөй эле Жеңижок да «замана» темасына кайрылган. Би рок анын биз үзүндүсүн мисал келтирген «Замана» аттуу ыры башка акындардын «акыр заман», «зар заман» сыяктуу дүйнөдөн көчүү, муңкануу, эскини көксөө мотивдерине толгон чыгармаларынан кескин айырмаланып турат.
Акыл-ойду байлап, тушап турган «кишендерден» суу рулуп чыгып, коомдук көрүнүштөргө стихиялуу болсо да реалдуу таптык көз караштардан баа берүү өткөн кылымдагы ар бир эле акындын колунан келе берген эмес. Жеңижоктун коомдук-социалдык көз караштарынын бизге баалуу жагы мына ушунда. Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы сыяктуу эле Жеңижок да эзүүчү таптын өкүл дөрүн курч сатира аркылуу аёосуз ашкерелеген, алардын алдым-жуттумга жедеп көнгөн кулк-мүнөзүн, наадандыгын эл алдында ачык айткан. Ал «Бай балдары» деген ырында өзү жашаган аймактан кошулуп орок оруп, эмгек этип койгонсуп, элдин данын колдон талашкан Чөкөтөйдүн балдарын, короодон койду зордуктап алып, «журтту жыландай жалмаган» Молокенин балдарын, «калкка салык салып, жалгыз уйлуу кедейдин музоосун тартып алган» Сулайманкулдун балдарын, «мылтыктын түздүгүн сынаш үчүн адамды аткан» Ташыкулдун канкор балдарын, көпкөндүгүнөн «адамды байгеге сайган» Токтоматтын баласын, элди «ажы даар болуп арбаган» Алыбектин балдарын бирден санап, ар биринин айбандыгын чечекейге сайгандай көрсөтөт. Коомдук өнүгүш жагынан ченебей артта калган, жашоонун патриархалдык-уруучулдук рутинасынан бошонууга алы келбеген, «жакшы» деп колунда байлыгы, бийлиги барды түшүнг өн, «жаман» деп томаяк кедейлерди билген, «жакшыларга» каршы сөз айтуудан ар качан коркуп, айбыгып келген элеттик караңгы чөйрөдө туруп, түндү жарып өткөн чагылгандай өзүнүн таптык протестин, ички каарын ачык айтып чыгуу үчүн акындан, албетте, граждандык эрдик талап кылынган. Мындай эрдикке, ырларынан даана көрүнүп тургандай, Жеңижок бирөөнүн түрткүсү менен, кокусунан эмес, өз ишенимине бек таянып, аң-сезимдүү түрдө барган. Акын өзүнүн бул таптык бекем позициясын, өзүнүн эл алдындагы ырчылык миссиясын, поэтикалык кредосун Эшмамбет менен жолукканда:
«Ушул кандуу замана,
Кай акын өтпөйт арманда,
Элдин ырда мүдөөсүн
Асты кекиртектен кармалба», –деп таамай билдирет.
Ырас, социалдык адилетсиздикке каршы протест жасоо, эзүүчүлөрдү ачык ашкерелөө, элдин таламын көздөп, дайыма эл тарабында туруу менен бирге эле Жеңижок өз учурунун коомдук-социалдык татаал табиятын жеткире түшүнө албаган, элди мындай кыйын абалдан сууруп чыгуу үчүн кандай күрөш жүргүзүү керектигин билбеген, өзүнүн алдында турган таптык курч суроолорго жооп берүүгө чабалдык кылган, көп учурда пассивдүү ой жүргүзүүлөрдөн ары узай албай, философ-моралист катары гана кала берген. Мунун объективдүү себептери бүгүн бизге жакшы түшүнүктүү, ошон үчүн бул кемчиликтер Жеңижоктун жеке өзүнө гана тиешелүү кемчиликтер катары эмес, ал жашаган кыргыз коомунун олуттуу кемчилиги ката ры бааланганы оң.
Жеңижок диний билим алган жана мусулман дининин, ислам идеологиясынын кыргыз коомуна таасири өтө чоң болуп турган заманда жашаган киши. Кандай гана таланттуу адам болбосун, ал өз мезгилинин, айлана-чөйрөсүнүн коомдук-социалдык, моралдык этикалык, идеялык-эстетикалык нормаларынан, принциптеринен, көз караштарынан таптакыр суурулуп чыгып кете албасы, тескерисинче, кандайдыр деңгээлде өзүнүн жүрүм-туруму, айткан сөздөрү аркылуу ошол нормалардын жана принциптердин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн чагылдырып турары белгилүү го. Жеңижокто диний маанидеги сөздөрдүн илээшип жүрүшүн толук законченемдүү көрүнүш катары кабыл алуу каж ет. Чын-чынына келгенде диний түшүнүктөр анын ырларында алда канча көп болуусу толук күтүлө тург ан иш эле. Ал сабаттуу адам катары ошол учурда колу жеткен китептердин баарын окуган болушу керек. Ал эми ал учурда кыргыз арасынан Чыгыштын мыкты классик акындарынын чыгармалары менен ка тар эле Кожо Акмат Яссавий, Суфи Аллаяр сыяктуу авторлордун мистикага чыланган, бу дүйнөнүн жыргалынан көчүүгө үндөгөн суфисттик китептери да кошо тараган. Көп сабаттуу адамдар ал диний китептердин таасиринен чыга алышпай, атүгүл жандили менен кабыл алып, өздөрүнчө бу жарыкчылыктын жалган экенине бек ишенип, ал идеяларды айлана-чөйрөсүнө жайылткан, атүгүл кээ бир акылы зирек адамдар да замандын алдыга койгон оор суроолоруна жооп таба алышпай, айлалары кеткенде ошол мистикалык чыгармаларды окуп, көңүл сооротушкан, аларга таасирленип чыгарма да жазып жиберишкен.
Калыбы, эзелтен ислам менен анча терең байланышы жок, шарыятты эске алса алып, эске албаса шарыятсыз эле жан сактоосун кылып, дин менен иши жок жүрө берген тоолук кыргыздардын агын суудай шар, шамалдай эркин элдик ырлары, күүлөрү, дүйнөгө эч кандай мистикасы, шайтан-шабыры жок ачык көз карашы бала кезинен Жеңижоктун көкүрөгүнө бек орноп, эрдикке, жашоону сүйүүгө үндөгөн элдик дастандардын, санаттардын асыл үлгүлөрү ырчынын ой-сезимин каптамакчы болгон диний туманды айдарым шамалдай ары кубалап, жан дүйнөсүн тазартып турган окшойт. Сабатын дин китептер менен ачса да, ислам идеологиясынын феодалдык үстөмдүк идеология экенин көрүп турса да, оозеки чыгармачылыктын мөлтүр булактай тунук чыныгы элдик салттарына толук бойдон бет буруп, чыгармачылыгын диндин таасиринен мүмкүн болушунча оолак тутууга жетише алган акындын эрдиги анын граждандык экинчи чоң эрдиги катары бааланууга тийиш. Так ушунун өзү Жеңижоктун чыгармачылыгынын дагы бир индивидуалдуу өзгөчөлүгүн белгилеп турат.
Жеңижоктун жалпы эле чыгармачылыгын кыргыздын поэзиясынын нускалуу салттарынан оргуп чыккан өзүнчө бир тунук булак деп бааласа болот. Жеңижок өзүнө чейинки кылымдар бою топтолгон, ооздон-оозго эленип тазаланып отуруп, алмаздай жаркыраган абалга жеткен элдик поэзиянын бай арсеналынан таң каларлыктай жеңил, эркин, таасын пайдаланат. Андагы не бир укмуш көркөм каражаттарды өзүнүн жеке поэтикалык дүйнөсүнө элпек кызмат кылдыра алган, элдик ошол алтын казынаны өзүнүн таланты, акылы, күнү-түнү элирип ырдаса кебелип койбогон күч-кубат менен тапкан асыл табылгалары, санат сөздөрү, эл таң калган чеберчилиги аркылуу байыткан. Бул Жеңижоктун социалдык курч маселелерди козгогон ашкерелөөчү ырларынан да, элге кеңири белгилүү айтыштарынан да, арман ырларынан да айкын көрүнүп турат. Жеңижок кандай гана көрүнүшкө болбосун эч качан чукулунан кайрып, жеке адамдын тар көз карашынан, утурумдук, күнүмдүк чен аркылуу карап баа берген эмес. Ал ааламга, жердеги тиричиликке, адамдын жашоодогу ордуна, сөз өнөрүнүн түпкүлүктүү милдетине карата өз көз карашынын бир бүтүн системасын түзүп алууга жетишкен. Ар кандай көрүнүшкө, нерсеге ал ошол системасынан чыгып мамиле кылган, баа берген. Бул көз караштар системасы, албетте, биз жогоруда айткан төрт маанилүү фактордун негизинде калыптанган, улам жаңыртылып, толукталып турган. Мунун ачык мисалы иретинде, Жеңижок тун Эсенаман менен айтышын көрсөтүү ылайык. Эсенаман бул айтышта Жеңижоктун эли, жеринен тентип кеткенин, бөтөн жерде кадыр-сыйга жетпей жүргөнүн кеп кылып, «өз жериңде, элиңде жүрсөң, дүйнөгө карк болот элең» деген сыяктуу пас, орой жакалашканга тете сөздөрдү айтат.
Жеңижок аалам, адам, жер, суу жөнүндө канчалык терең жана туура ой жүгүртө алгандыгы анын философиялык санаттарынан ачык баамдалат («Аккан суу», «Дүнүйө», «Турбайбы», «Санат», «Насыят» ж. б.). Философиялык санаттарында да Жеңижок башка ырларындагыдай эле дүйнөнү түшүндүрүүнүн диний, мистикалык жолдорунан алыс турат.
«Адал эмгек – динибиз
Ата-баба – пирибиз», –деп түшүндүрөт ал. Бул эл арасындагы ошо кездеги «дилим куран, диним ислам» деген түшүнүктөргө, дин адамдарын пир тутуу аракеттерине таптакыр карамакаршы келет. Адал эмгекти акын айрыкча кастарлайт, аны жакшылыктын бирден бир булагы ка тары карайт. Атүгүл адамдын жаралышынын өзүн эмгек менен түздөнтүз байланыштырат. Акындын:
«Өмүрү бүтпөйт тирилик, Өлгөндөр келбейт тирилип. Жаралган адам эмгектен,
Жарыша иштеп, түрүнүп, –деп айткан ою өз заманынын деңгээлинен алганда кыйла тереңге кеткени менен көңүлдү бурат. Суфизмдин идеяларынан карама-каршы позицияда туруп, акын дүйнөнүн түбөлүктүүлүгүн, тиричиликтин тынбай улан а берерин бир эмес, бир нече ырында айтып өтөт. «Өмүрү бүтпөйт тирилик», «Бали, ыракмат, аккан суу, түбөлүккө агаарсың», «Түбү чексиз дүнүйө» деген өңдүү жыйынтык ойлор акында көп кездешет. Мына ушундай түбөлүктүү дүнүйөдө таза жүрүп, адал эмг ек кылып, элге кызмат көрсөтүүнү акын адамзаттын башкы милдети катары карайт. Бул идеясын ал «Аккан суу» деген көлөмдүү ыры аркылуу бекемдейт. Ырда «эл үчүн денесин курмандыкка чалган», «дыйкан, чарба адамдын бүт думаасын кандырып, багып жаткан», «элдерди улутка, журтка бөлбөй, бардыгын тең караган аккан суу» өзүнчө бир таза идеал, адал жашоонун символу иретинде сүрөттөлгөн. Акын жаратылыштын мына ушундай асыл кереметин адамдар булгап жатканга кейийт, анын баркын түшүнбөй, кадырлабай, сыйлабай мамиле жасаганга нааразылык билдирет. «Адамзат пендеси, аккан сууну булгаба» – деп чакырат ал. Агын сууну таза сактоо үчүн мындай чакырык жетишсиз экенин сезген акын, ошол учурда элге жеткиликтүү моралдык факторго кайрылат, б.а., «жок дегенде бир жылда бир ирет зыярат кылып турбайбыз» – дейт. Мына ушул жерден акындын эмне үчүн ырдын башына диний оттенок бергени түшүнүктүү болуп чыга келет. Акын суунун барган сайын булганып жатканына, кишилердин буга атайын ой жүгүртпөгөнүнө, сууну анчейин кадыр-барк кылбаганына көзү толук жетип, элге сууну жөн эле агып жаткан бир суюк нерсе катары эмес, касиеттүү, кудайдын ысымына байланышкан, ыйык нерсе катары атайын өзгөчө аздектеп сыпаттайт. Башкача айтканда, ошентип айтсам адамдар сууга башкачараак карап, анын баркы жөнүндө ойлоно жүрөбү» деген үмүттө болот. Дин тыюу салган же касиеттүү деп эсептеген нерсеге эл да сестенүү менен мамиле кыларын ырчы, албетте, жакшы билген. Ошон үчүн өз учурунун идеологиялык куралы болгон диндин айрым түшүнүктөрүн өзүнүн философиялык оюн элге жеткирүү үчүн пайдаланган. Мунун, албетте, эч кандай тескери жагы жок.
Жеңижоктун чыгармачылыгында Чыгыш классиктеринин чыгармаларынан келген таасирлер маанилүү фактор катары каралууга тийиш деп көрсөттүк. Эгер Чыгыш классикт еринин терең философиялык ойлору, прогрессивдүү идеял ары кыргыздын көптөгөн ырчыларына тикеден-тике эмес, кимдир бирөөлөрдүн окуп берген же айтканы боюнча кыйыр түрдө жеткен болсо, Жеңижок алардын китептерин (же китептеринин көчүрмөлөрүн) өз көзү менен окуган, тикеден-тике таалим алган. Бул Чыгыш элдерине кеңири белгилүү:
«Бу дуние.. каптарханадур,
Бири учса, бири конадур», –
деген сыяктуу ыр саптарынын Жеңижокто:
«Көз алдыңда байкалып, Болуп жаткан дүнүйө. Бир бөксөрсө кайрадан Толуп жаткан дүнүйө.
Бири учса бирөөбү – Конуп жаткан дүнүйө», –болуп, элдик поэзиянын нугунда трансформацияланышынан көрүнүп турат.
Жеңижоктун Чыгыш классиктеринен алган урунттуу чыгармачылык таалими эмнеде дегенде, албетте, ырчынын терең гуманисттик идеаларында деп жооп берүү керек. Гуманизм – Жеңижоктун бүткүл философиялык санаттарын, пейзаждык лирикасын, арман ырларын баштан аяк аралап өткөн олуттуу өзгөчөлүк, бул идеяларында ал баарыдан мурда «Адамзаттын баарысын тең жараткан эмеспи» деген өзүнүн философиялык башкы постулатынан чыгат. Демек, ал бир адам бир адамдын алдында кор болуп, бири бийлиги менен алдуу, бири бийлиги жок алсыз болуп туруусун теңсиздик деп эсептейт. «Дүнүйө» деген ырында ал адамдын өзүн тиричиликтин, жаратылыштын фонунда өзүнчө бөлүп көрсөтүп, анын сулуулугун, гармониялуу жаралганын даңазалайт, ошонусу менен ал көр тирликке басылган, карыптыктан чүнчүгөн кишилердин духун чыйралткысы, адамдык сыймыгын ойготкусу келет. Бирок акын адамга андай эркиндиги кандай жол менен келээрин билбейт. Ал кедейлер бай болсо, адамдык сыймыгы көтөрүлөр эле деген примитивдүү, пассивдүү гуманисттик ойлорго жетеленет. Өлөр ал дында:
«Жабагылар тай болбой,
Жардыларым бай болбой,
Кулундарым тай болбой, Курама журтум бай болбой», –деп өксүп арман кылат: «Коңшу кедейге кой бөлүп бергенге жеткен жокмун» – деп кейийт («Ак куржун толо ыр калды»). Эгер социалисттик гуманизм гана реалдуу гуманизм бийиктигине жеткенин эске алсак, анда өткөн кылымдардагы эл ырчыларынын гуманизминде канчалык өксүктөр бар экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү болот. Ошого карабай, Жеңижоктун асылдыкты, кооздукту баалай билүүгө чакырган эрдикке, эр жүрөктүүлүккө үндөгөн, элдин тайманбас азаматы болууга үгүттөгөн ырлары, анын гуманисттик идеялары тилек, көксөө катары ак дилден чыкканына күбө болуп турат.
Мына ушундай коомдук-социалдык, философиялык, гуманисттик идеялардын баарын чыгармаларында чагылдырууда Жеңижок улуу акын Токтогулдун зор таасирин сезбей койгон эмес. Маалыматтарга таянганда жана Токтогулдун өзүнүн Жеңижокту жоктоп кошкон кошогуна караганда, бул эки таланттуу акын бири-бири менен өтө жакын мамиледе болгон. Өмүр бою бирин бири сыйлашып жүрүп өтүшкөн, не чен жерлерде, жыйындарда кошулуп алып чогуу ырдашып жүргөн. Мындай болгондон кийин бириндеги мыкты касиеттер, жакшы жактар бирине өтпөй койг он эмес. Жеңижок өлөрүндө аркасында калган дастандарын, санаттарын, ырларын өз баасы нан кемитпей айта жүрө турган ырчы жалгыз гана Токтогул деген жыйынтыкка келген. Демек, анын Токтогулга урматы айрыкча чоң болгон. Токтогулдун ачык таптык көз караштарын, эзүүчүлөргө каршы бекем позициясын Жеңижок өз деңгээлине жараша өздөштүрүп кабыл алган деп ишенимдүү айтууга болот. Ошону менен бирге Токтогул да Жеңижоктун талантынын, акындык чеберчилигинин күчтүү жактарын, чыгармачылыгындагы айрым идеялыктематикалык баалуу өзгөчөлүктөрүн өз чыгармаларына сиңирип кетүүсү толук ыктымал.
Аман ТОКТОГУЛОВ
* * *
ТОКТОГУЛ
Токтогул Сатылганов замандардан келаткан төкмөлүк өнөрдүн залкар өкүлү. Бул – өнөрдүн жаңырык издерин элдик уламыштардан, үрп-адаттардан табууга болот жана ал эл тарыхынын узак жолунда тынымсыз өнүгүп-өсүп, элдин кайгы-кубанычын, үмүт тилегин билдирип адептүүлүктүн, адамгерчиликтин, жүрүм-турумдун жарчысы болуп келди.
Төкмөлүк өнөр бүткүл турушу менен көчмөн турмуштун туундусу. Көчмөн тиричиликтин катаал шарттарында дайыма жер которуштуруп, өйдө-төмөн сүрүлүүгө туш болгон кыргыздар руханий маданияттын, отурукташкан элдер сыяктуу архитектуралык таш имараттарда, же болбосо папирус түрмөктөрүндө сактабастан, негизинен өздө рүнүн эсинде тутуп, жатка сакташты, ал эстелик элдин бүткүл тарыхы бою төкмөлүк ыр саптары түрүндө кайра-кайра иштетилип, көркүнө көрк кошуп келди. Француз окумуштуу-лингвист Клод Ажеждин оозеки сүйлөнгөн сөздүн өзгөчөлүгүн белгилеп келип чыгарган жыйынтыгына кошулбай коюу кыйын: «Оозеки сүйлөгөн сөз – бул толук укуктуу адабий жанр. Мындай кубулушка башталыш болгон оозеки адабият сыяктуу анын өзүнүн маданий салттары бар, ал жазма адабият менен катар өнүгүп, маданий эстеликтерди сактап, бирок материалдык изин калтырбайт». Чындыгында эле дал ушундай. Оозеки адабияттын материалдык изи болбойт, бирок руханийлештирген изин элдин эсинде калтырат, анын акындардын эргүүсү менен өнүктүрүлгөн жана көздүн карегиндей сакталган өзүнүн мыйзамченемдүүлүгү, кылымдар бою иштелип чыккан салттары бар. Ошондуктан төкмөлүк салттын ажырагыс бөлүгү катары караган оң, бирок ар бир жаңы аткаруу өткөндү кайталоо эмес, традициялык поэтиканы жаңыртып түзүү жана аны кайтадан өнүккөн талам менен айкалыштырып айтып чыгуу болуп саналат. Төкмөлүк бир эле учурда традицияга этиет мамиле жасап, сактоого жана аны андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Сөздүн улуу чеберлеринин поэзиясы кагазга жазылып калбаса да ушинтип өчпөстөн жашай берет. Токтогул Сатылганов акын катары өз элинин оозеки-поэтикалык маданиятынын негизинде өсүп-өнгөн, калып танган.
Жолдун башталышы
Токтогул Сатылганов 1864-жылы кеч күздө КетменТөбө өрөөнүндөгү Кушчу-Суу айлында туулган. Акындан атасы Сатылган буудай, жүгөрү эгип, эптеп күн көргөн кембагал дыйкан болгон. Энеси Бурма эл ичинде кошокчу катары таанылган. Элдик көптөгөн жомокторду, ырларды жадысында сактаган сөзмөр аял болуп, анын баарын Токтогулдун кулагына сиңире берген. Токтогулдун чыгармачылыгы кыргыздар Россияга кошулууга (1855) мажбур болгон мезгилге туура келет. Түндүк кыргыздарга караганда, түштүк кыргыздар Россиянын карамагына кечирээк өтүшкөн (1876). Россияга кошула электе кыргыздар Кокон хандыгынын зордук-зомбулугуна чыдабай, 1873-жылы түштүк тараптагы уруулар көтөрүлүш чыгарышына мажбурланган.
Мына ушундай социалдык-саясий кырдаалда акындын чыгармачылык көз карашы калыптанган. Акындын чыгармачылыгынын жетилишине кыйла жагдайлар шарт түзгөн, анын устаттары ошол мезгилде белгилүү төкмө акындар Чоңду, Эсенаман, Сартбай болушкан, алар өз кезинде акындардын көп муундарына мүнөздүү көркөм табитти чыгармачылык салтты өнүктүрүп ала жүргөндөрдөн. Салттуулук (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы, 2 томдугу, Фрунзе, 1968.) төкмөчүлүктө акындар муунун руханий жактан өз ара байланыштырып турган сыйкырлуу учуктун өзү. Токтогулдун чыгармачылыгы ушул руханий жалпылыктын уландысы болгон, бирок ал уланды анын поэзиясындагы жаңы деңгээлдин башталышы да эле. Бул жаңы деңгээл Кыргызстандан Россиянын составына киришине байланышкан, бул окуя кыргыз коомчулугуна бир топ жаңы социалдык өзгөрүштөргө алып келди, патриархалдык көнүмүш турмушта бир топ өзгөрүүлөр пайда болду, бирдиктүү администрация түзүлдү, бул болсо уруулардын арасындагы кагылыштарды басаңдатты, барымтанын зордук-зомбулук таасирин жеңилдетти, ошону менен бирге бай-манаптык төбөлд өрдүн бийликке жетишүү үчүн (волосттун башкаруучусу, айылдык старшина) орун талашуу «феодалдык ак сөөктөрдүн ортосунда айыгышкан кармаш жүргөн, зордоп күчкө салуу кеңири колдонулган» (История Киргизской ССР. Т. I, 370 с., Фрунзе, 1968.). Бул шартта уттурган тарапта кайрадан эле карапайым эл калган. Элдин ушул катмарынан чыгып Токтогул өзүнүн бардык чыгармачылыгын кембагалдарды коргоого арнаган.
Акындын алгачкы чыгармалары сүйүү лирикасынан башталат. «Насылкан», «Күлүйпа», «Алымкан», «Бактыкыз» деген лирикалык ырларында махабатты, кыздардын назиктигин, сулуулугун даңазалайт, жаш куракты өткөрүп жибербей, анын жыргалын, тез эле өтүп кетүүчү кызыгын көрүп, кармап калууг а үндөйт. Селкинин келишкен мүчөсүн буралган тал чыбыкка, жаркылдаган ажарлуу жүзүн ай нуруна салыштырат, анын мүнөзүндөгү асылзаадалыкты ырга салат («Насылкан»). Акын синтаксистик параллелизмдин ар түрдүү салыштыруу, теңештирүү жолдору менен тизмектештирип сүйгөнү Алымкан жөнүндө элдик ырлардын салтында классикалык махабат лирикасын жаратат. Бул ырында акын сүйгөн кызына карата болгон алоолонгон ысык сезимин ачып, ички арман-кумарын өзгөчө эргүү менен төгөт, ашыгын «ачылган кызыл гүлгө, асемдик буюм дилдеге», кыздын адамга ашкере сүйкүмдүү жайдары пейлин, жоругун жайкы аптапта жайды сергиткен «көлөкөлүү майданга» салыштырат. Ошентип акын ашыгынын ички-тышкы келбети шай келген керемет портретин тартып келип, аны улуу тоолордун бийик чокусунан учуп чыккан улуу куш, бакыт кушу катары санап, махабат зардабын тарткан лирикалык каарман өзүнүн бутагына келип конуусун сабылып суранат. Алымкандын образы элдик адабиятка махабат жөнүн дөгү кереметтүү символ катары сиңип калган образ. Бул ыр азыр да ооздон-оозго түшпөй сакталып келаткан лирикалык чыгарма.
Өмүрдүн, сулуулуктун гимни, жаштыктын көз ачыпжумгуча өтүп кетчү тездиги акындын лирикалык ырларынын түпкүлүктүү касиети, ал элдик секетпай ырлары менен тыгыз байланышкан. Бул планда акындын мүнөздүү ыры – «Гүлдөп ал». Бул ырда өмүрдүн учкулдугун («Кылчайып келбейт өмүрүң», «Кайрылып келбейт өмүрүң»), ошол сонун курак өтө электе («Кызык күнүн өткөрүп, койбогула, кыздар ай») жагалданып, жасанып («кызыл күрмө шай кийип», «кара күрмө шай кийип») гүлкайырдай гүлдөп алууга үндөйт, кызыл гүл, гүлкайыр оозеки адабиятта жаштыктын символу, бирок ал түбөлүктүү эмес, тез соолуй турган мезгил. Ошондуктан: «Кыз экенде гүлдөп ал» – дейт акын. Турмуштун түбөлүктүү кыймылда экенин көрсөткөн элдик философиянын стихиялык диалектисине сугарылып акындын мындай ырларына «Жыргалы сенсиң дүйнөнүн», «Эрке сары», «Күлүп койсоң жымыңдап» ж. б. кирет. Айрыкча ушул маанидеги адамдын турмушундагы орду жөнүндөгү ырга «Дүнүйө» кирет. Акын дүнүйөнүн чексиздигин эскере келип: «Опосу жок дүйнөнүн түбүнө ким жетерсиң» – деп, бир образдын артынан экинчисин тизмектештирет. Бул дүйнөнүн жаркын жагы менен караңгы жагы жөнүндө бүтүндөй бир өз ара түйүндөшкөн ой жүгүртүүнүн келебин чубап, аны ырааттуу өнүктүрөт; келериңде дүнүйө адамга толукшуп чыккан айдай, өзөнгө бүткөн талдай, мөмөлүү дарак шактай, айры өркөч нардай, аргымак минип ойногондой, адырдан соккон желдей, алтын жагоо куштай, ташкын дайра селдей, караңгы үйдө чырактай, ташып чыккан булактай болсо, кетеринде дүнүйө анын тескерисинче түргө, параллелдүү карама-каршылыкка өтөт, ал – суу жүрбөгөн сайга, кышкы чилде музга, кол жеткис бийик белге, көз жеткис бийик зоого, капкагы сынган комузга, мөмөсү түшкөн шакка, карматпас бороон желге, туур дан учкан бүркүткө, мергенден качкан кийикке, соолгон суусуз кудукка, желсиз өчкөн чыракка айланат» деген укмуштуудай сүрөт төөлөрдү колдонот, параллелдүү ассоциацияларды биринин артынан бирин куюлуштуруп берип отурат. Мындай көрүнүштү акындык импровизациянын бийик чегине жеткен чыгармачылык десе болот. Акын мурдатан даяр, салттуу болуп калган ыкмаларды чеберчилик менен колдонуп, турмушка, дүйнөгө болгон мамилесин, айланасында өтүп жаткан кубулуштарга философиялык көз карашын өз алдынча түшүнүүсүн билдирет. Дүйнө акын үчүн бул жарык менен караңгынын, жакшылык менен жамандыктын, өлүм менен өмүрдүн жаратуу менен кыйроонун түбөлүк күрөшү. Акындын көз карашы жер үстүндөгү өмүр жападан жалгыз чыныгы өмүр, өлгөндөн кийин адамга эчтеке калбайт, бул чыгарманын башкы идеялык маанисине жатат.
«Аккан суу» деген ырында акын бул оюн улантканы байкалат. Ал аккан сууну жашоонун алгачкы булагы катары баалайт. «Кырк миң жыл жердин астынан карып чыккан аккан суу» жер үстүндөгү жан-жаныбардын бардыгын сугарат, гүлдөп, жайнап өнүгүүсүнө шарт түзөт. Акындын башкы ою: бардык тирүүчүлүк, жашоо суудан. Токтогулдун аккан суу жөнүндөгү ушул жыйынтыгы, байыркы гректердин натурфилософиясынын өкүлү Эмпедоклдын ою менен шайкеш келет: «Дүйнөнүн түзүлүшү, – дейт ал, – төрт негизден: от, аба, суу, топурактан турат» (Семушкин А.В., Эмпедокл. – М., Мысль, 1485, 46-б.). Көрүнүп тургандай сабатсыз акындан да сууну ырга кошуу менен ал жердеги турмуштун алгачкы негизи деп санайт, Токтогулдун кадимки реалдуу адамдын турмушун даңазалоо багыты, анын оптимисттик демин жана чыгармасынын чордонун түзөт, ал бардык ырларында кызыл сызык менен аралап өтөт, кашкайта көрсөтүлөт. Ушундай идея анын адеп-ахлактык, санат-насыяттарында», айталы, «Түз жолуңдан чыкпагын», «Насыят», «Санат», «Үлгүлүү ырлар» ж. б. чыгармаларында ыраттуу жүргүзүлөт:
Шибердин көркү – мал менен,
Жылкынын көркү – жал менен, Жылдыздай жанган кара көз Жигиттин көркү жар менен.
Кылычтын көркү курчунда,
Кундуздун көркү сыртында
Адашкан душман жоо келсе Азамат көркү журтунда.
(«Үлгү ырлар»)
Жакшылыкка, адилдикке, чындыкка ишенүү акындын төкмөлүк поэзиясынын эң бир таасирлүү сапаттарынын бири, анткени анын чыгармачылыгы түпкүлүг үндө элдик философия нын ыймандык гуманисттик ченине барып такалат.
Акынды куугунтуктоо
Акындын сынчыл ой жүгүртүүсү, көрөгөчтүгү жана элдин тагдыры жөнүндө терең ойлонуусу кээ бир залим манаптарга жага берген эмес. Ошолордун арасына Рыскулбектин балдарына да акындын ырлары жага бербегендиги көрүнүп турат. Токтогул менен Рыскулбектин балдарынын ортосунда кандайдыр бир келишпестик пайда болот, акын алардын элге кылган кысымчылыгын өзүнүн «Беш каман» деген ырында ашкерелеген. Бул ырды өзүнчө микросюжеттүү новелла десе да болот. Ырда «тырмагы уу бүркүттөй» жырткычтык менен айылдын кедей-кембагалдарын талаган Рыскулбектин тукумдарынын залимдиги баяндалат. «Балапандай уйпалап, чыгым салып, эл жеп, жалдыратып жардынын жалгыз атын жеп, жетим, жесир, алсызга карабаган, жетилсин деп жардыны санабаган» ашкан залимдерди «каман» атап, акындын ашкерелөөчү ыры өз бийиктигинин кыл чокусуна жетет. Акмат, Дыйкан, Атакан, Миңбай, Эгемберди, Бактыяр, Керимбайлардын аттарын ачык атап, ал турсун алардын ар биринин кимдигин кашкайта даана көрсөткөн мөөрдү «алдамчы, жалганчы, жардамчы» деген сөздөр аркылуу беттерине басат. Акындын ачык каршы чыгышы тигил «билермандардын» жанын күйгүзөт. Токтогул өзүнө келчү коркунучту алдына ала билип турса да, өзү тандап алган чынчыл жолунан баш тартпасын эр жүрөктүүлүк менен бил дирет:
Уу тырмактуу беш каңкор,
Өлтүрсөң да жалынбайм, Эки келбейм жаралып
Өлгөн соң кайта табылбайм.
Ушул ырдан тартып Рыскулбектин тукуму ыңгайлуу учурду күтүп жүрүп 1898-ж. «Анжиян көтөрүлүшүнө Токтогул катышкан» деген жалаа менен падышалык бийликтин өкүлдөрүнө жеткиришкен. Ошондон кийин Токтогул көргөзүлгөн эле жылы камалып, өлүм жазасына өкүм кылынган, бирок ал кийин 7 жылдык сибирдик сүргүн менен алмаштырылган. Мына ушундан улам эл булбулунун узак мезгилге созулган азап тартуусу, нечен кыйынчылыктарга туш болушу башталат. Патриархалдык кыргыз коомчулугунун көнүмүш катнашынан таптакыр тааныш эмес жаңы жээкке сүрүлүш акынга оңой эмес кыйынга турган, анын үстүнө орус тилин билбеген Токтогулдун абалы өзгөчө оор болду. Токтогулдун сүргүнгө айдалганда эл-жери, энеси менен коштошуусу элдин арман ырларынын мотивинде түзүлгөн. «Кош элим» деген ырында акын өзүнүн энеси, аялы, баласы жана эл-жери менен коштошуу, айрылуу арманы айтылат:
Жесир калды алганым,
Жетим калды балдарым, Алдейлеп мени өстүргөн
Апакем ыйлап зарладың.
Акындын мекени менен коштошуусу эч нерсе менен айыктыра алгыс терең жарат, андан акындын ички азабы, кайгы-муңу даана байкалат. Акындын поэзиясы ушул кайгы-касыреттен улам бийикке көтөрүлөт, бул элинин кайгы-муңун жана ошондой эле башка элдердин кыйын абалын түшүнүүгө мүм күндүк берет. Көтөрүлүшкө катышкан делип акын менен кошо соттолгон Болот Жыртаковдун эскерүүсүндө алар Анжыян түрмөсүнөн чыгып Красноводскиге, андан Москвага жана Иркутскиге барышкан. Сүргүндөгү алгачкы жылдар акындын өмүрүндөгү өтө оор жылдар болгон, ата-журту, туулган (Жыртаков Б. Улуу акын жөнүндө менин эскерүүлөрүм. Токтогулга гүлдесте. Фрунзе, 1964, 12–18-бб.) жерине карата сагыныч-куса акындын назик жүрөгүн бекем чырмайт. «Аман кетер күн барбы», «Туткундагы арман» деген ырларынын аты эле акынды ээлеп алган ой-сезим жөнүндө кабар берет. Тууган жер, Ата Мекен Токтогул үчүн көксөгөн, самаган алыстагы эң сонун жер болуп эсептелет:
Балыгы сууда чалкыган,
Куулары көлдө калкыган, Улары тоодо үн салган, Кийиги зоодо тынч алган.
Бугусу кирип чакырган,
Элиги черде бакырган,
Жайлоосу жашыл жибектей,
Жели жумшак балкыган,
Токою жашыл бүр алып, Булбулдары таңшыган
Жыпар жыттуу асыл жер.
(«Элиме качан жетемин»)
Акын тууган жерин сагынуу, күсөө аркылуу жаңы күч, жаңы эргүү, жашоого болгон жаңы ишеним табат. Токтогулдун колунан кишенин алып, дүмүр казганга токойго жибергенде, бир аз эркин болуп, балта менен комуз чаап, балалайканын кылын тагып алат да, күү чертип ырдайт. Акындын тилин түшүнбөсө да сүргүндөгүлөр дароо анын талантын түшүнүшө баштайт. Солдаттар ага бир кыйла жумшак мамиле кыла баштайт. Ачкачылык менен суукту, Уралдын жерин, Сибирь жолдорун жөө басып, Байкалга жетип, жолдо тилемчилик кылып жүрүп да акын адамга болгон ишенимин жоготпогон. Акын «Туткун ырында» көрсөткөндөй сакал, чачты агарткан, сүргүндүн адам чыдагыс оор шартында аны ушул ишеним сактап жана аман алып калганын көрсөтөт. Токтогул төкмө акындардын ичинен кедейдин шор аяк үлүшү туш келип кыргыз тоолорунан Сибирдин каторгасына чейин жылаңайлак басып өткөн жападан-жалгыз акын, ал сөздүн түз маанисинде өзүнүн жон териси менен, жан дүйнөсү менен карама-каршы туруп азабын көргөн. Туткундардын денеси да, жан дүйнөсү да күзөтчү солдаттардын өтүгүнүн таманы астында ылайга тебеленген бул сүргүндө Токтогул бийик адамдык кунун жоготподу, өңү окшошпогон менен тагдыры өзүнүн тагдырына окшогон башка адамдардын кайгы-муңун, боорукердигин сезе билди, ага кучагын жайды. Ошентип, айдоодо жүргөн мезгили Токтогул үчүн оор болсо да ага турмуштун улуу мектеби болду. Анын көз карашы кеңейди, өзүн курчап турган дүйнөнү, турмушту жаңыча ой жүгүртүү менен толукталды, анын поэзиясы улуттук тар алкактан чыгып, жалпы адамзаттык маңыз менен байыды. Бул учурда акындын төкмөчүлүгү өзүнүн кульминациялык чегине жетип, анын ырлары социалдык чыңалуусу боюнча кыргыздын салттык акындык поэзиясынын кыл чокусуна жетти.
Туткундан кайтуу, Октябрдык көңтөрүш
Сүргүндө бирге жүргөн жолдоштору Токтогулдун качып чыгышына жардам беришет. Буга байланыштуу «Качкандагы ыр», «Айлымды көздөй жол тарттым», «Ак шумкар куштай кагынып» деген ырлары жаралат. Бул ырлар Сибирдин катаал жолдорунда, казактын ээн талааларында ач, жылаңач мусапыр болуп тентиген акындын ырлары эле. Бирок ал тууган жерге жетүү жөнүндө ойлордун толкунунда болуп, аны канат кылып байланган. Ушул асыл ой узак жолдун бардык азап-тозокторун жеңүүгө жардам берди. «Качып келе жатканда», «Көчөдө өлчү күнүмбү?» деген ырларында «кайыр сурап, жан сактап» келе жатканын баяндайт. Узак жол акынга терең ой жүгүртүүнүн, өткөн өмүргө кайрадан териштирип баа берүүнүн да жолу болду. «Көчөдө өлчү күнүмбү?» деген жолдогу ырында:
Күкүк элем сайраган, Күлүк элем талбаган.
Күлпөтү болуп дубандын,
Гүлү элем жайнаган… –деп өткөн күнүн арман менен эскерип, ошол асыл башы оңбогон залимдердин жалаасы менен «канаттуу куштар жете албас чөлгө барып» кордолгонун баяндайт. Ушундай кыйгач оомалуу-төкмөлүү тагдырдан кийин акындын астында төмөнкү ырында баяндалган максаттар турган:
Кетмен-Төбө жериме барып өлсөм, арман жок, Керимбайдан кегимди Алып өлсөм, арман жок. Агайын-тууган элимди Көрүп өлсөм, арман жок. Амандык сурап колумду берип өлсөм, арман жок.
Токтогулдун жолдо чыгарган ырларынын ар бири туу ган жерге болгон чексиз кусалык менен сагынычка толгон. Токтогулдун өз эсебинде жыйырма төрт күндөн ки йин казак жер ине жетет. Акын: «Салам айтып турамын, бир тууган казак калкына» – деп бир боордоштук сезим менен элге кайрылат:
Бир кезекте мен дагы
Комузду тилге келтирген
Коргошундай жан элем,
Буралган кырчын тал элем, Түптүү калктын тили элем, Топ жыйындын гүлү элем.
«Бутакта жалгыз сайраган» ушул булбулдун башына түшкөн мүшкүлүнө, арманына казак боордоштордун көңүлүн бурат, алардын арасында акын Сулейман, Акмат, Авитайлардын аттарын эскерет. Ал адамдар Токтогулду ат-тон менен жабдып жолго чыгарышат. Акындын алдында дагы да канча баса турган жол жаткан, бирок ал жол эми көксөгөн максатына, ата-конушуна түз жеткирүүчү жол эле. Акындын «Казак жеринде» деген ырлары Сибирде туткунда жүргөн ырлары менен темасынын өнүгүшү, баяндоо стили, поэтикалык оромдору менен бирдикти түзүп, анын логикалык жактан уландысы болуп саналат.
1910-жылдын күзүндө 12 жылдык сүргүндөн кайткан акын көксөгөн ата конушунун чегине алгач кадам таштап, эңсеген эли менен амандашат. «Эңсеген элим аманбы?» деген ырында акын биринчи кезек элине кайрылат. Акын өзүнө ушунчалык кымбат, узак мезгилдер кыялында гана жашаган бир тууган эли менен алгач жолугушканда кубаныч-толкундоосун, айдоодо жүрүп жый ылган арманмуңун, өз элине болгон сагынычын ырга салып төгөт:
Күч-кубатын байларга Сордургандар аманбы? Каны качып алсырап Болдургандар аманбы?
Жылаңайлак тоо-ташты
Жол кылгандар аманбы? –деп Токтогул мээнет менен күн көргөн кедей-кембагалдарга кайрылат. Эл жөнүндөгү тема акындын бардык чыгармасынын башынан аягына чейин кызыл сызык менен өтүп, кашкая көрүнөт. Мейли кайгылуу мезгилинде, мейли кубанычтуу учурунда болсун төкмөчүлүк эргүүсү алды менен элдин образы менен байланышат, элдин кайгы-кубанычына кайрылуу менен аны өзүнүн жан дүйнөсүнүн абалы менен салмактайт. Биз мурда белгилегендей, акын айдалып кетерде элге коштошуп жатып, кайрылып келсем деген үмүт-тилегин билдирген, кайтып келгенден кийин акын аларга кайтадан кайрылып «аман барсыңбы?» деген рефренди үстү-үстүнө кайталоо аркылуу өзүнүн элге өзгөчө куса болгон көңүлүн билдирет:
Мен кеткенде аркамдан Чыккан аман барсыңбы? Кулак салып ырымды Уккан аман барсыңбы? Канча жылы көрбөгөн
Калкым аман барсыңбы?
Бул элге кайрылуу ыры акындын төкмөлүк стихиясынын кыл чокуларынын бири, ал акындын көп сандаган чыгармаларынын бардыгына мүнөздүү болгон руханий касиеттерин өзүнө чогултуп, топтоштуруп чагылдырган шекилдүү.
Токтогулдун элине келиши ага кубаныч менен бирге кайгы да алып келет, ал жокто жалгыз уулу Топчубай өлүп, аялы акынды күтпөстөн башка бирөөгө турмушка чыгып, энеси кайгыдан абдан карып калган болот. Токтогулга уулунун чарчап калганын Коргоол акын ыр менен угузат:
Учук өтпөс ийнеден Уулуң Топчу жалгызды Учурдук жалган дүйнөдөн. Жибек өтпөс ийнеден
Жибердик ушул дүйнөдөн…
Ушундай салттык каймана айтуу аркылуу, синтаксистик параллелизм формасында Коргоол Токтогулдун жаралуу көңүлүн аяп, этияттык менен укмуштуу оор кабарды угузат. Токтогул бул кабарга Коргоолдун ырына үндөштүрүп төкмөлүк ырдын ыргагында жооп кылат:
Каркылдап каздар көл сактайт, Кара ылаачын көл сактайт.
Карып калган атакең
Кай жакка барып жан сактайт?
Ошентип эки акындын жолугушуусу аз гана убактылык жагдайда Токтогулдун туткундан кайтышы жана анын уулунун өлүмү жөнүндөгү кайгылуу кабарды камтыган чакан сюжеттүү новелланы пайда кылат. Ошол кездеги белгилүү төкмө акындардын көпчүлүгү анын чеберчилигинен үлгү алыш үчүн, насаат угуш үчүн ага агылышы бекеринен эмес, алар анын ар бир сөзүн, ар бир музыкалык ыкмасын көкүрөгүндө сактап калышты, кармап калышты, эңсешти. Токтогул акындар Тоголок Молдо, Калык Акыев, Барпы Алыкулов, Алымкул Үсөнбаев, Коргоол Досуевдер менен жолугушканы белгилүү, булардын көпчүлүгү Токтогулду өзүнүн устаты эсептешкен. Эл ичинде Токтогулдун Эшмамбет, Найманбайлар менен айтышы кеңири тараган. Ушундай беттешүүлөрдө акындардын чеберчилиги, чукугандай табылган көркөм сүрөттөөлөрү, курч жооптору элдин зор кубаттоосуна ээ болгон, мындай айтыштар элдин эсинде узакка сакталган жана ооздон-оозго өткөн. Төкмөчүлүк өнөрдүн мыйзамченемдүүлүгү биринчи иретте, каршысындагы акын сунуш кылган теманы дароо илип алып, ошол замат ага жаңыдан жаратып төкмөлүк менен жооп берүүнү талап кылат. Өнөрдүн бул түрүнүн башкы касиеттеринин бири дал мына ушунда, акындын чеберчилиги жана бышып жетилгени адатта ушуну менен тастыкталат. Эки акын ар кимиси өз алдынча, кийинкиси мурункусунун жолун жолдоп, бир бүтүн сюжеттүү сүрөттү жаратышат. Төкмөлүк айтыш белгилүү бир баянды жаратуу үчүн поэтикалык чеберчиликтин, өнөрдүн өзгөчө бир ыгын талап кылат, ал жеке куюлушкан уйкаштыктан гана турбастан, чукугандай сөз тапкычтык менен да коштолууга жана алдыдагы айтылган төкмө ырдын үлгүсүнө жооп бергидей болууга тийиш. Токтогул бул өнөрдө эч кимди алдына салбаган. Токтогулдун Тоголок Молдо, Эшмамбет, жаш акын Калык менен айтышып таанышуусу ушул ыкта түзүлгөн. Акындын төкмөлүк өнөрү жана музыкалык чеберчилиги тууралуу музыковед В.Виноградов эң бийик баа берген: «Токтогул сейрек, өзгөчө көрүнүш болгон. Анын таланты көп кырдуу жана бири-бирине төп келишип айкалышкан» (Виноградов В. Токтогул Сатылганов и киргизские акыны.– М.: Л., 19 52, 103-б.).
Чындыгында эле анын көп кырдуу таланты бири-бирине төп келишип, айкалышып турган, ал төкмө акын, музыкант аткаруучу жана композитор болгон. Токтогулдун төкмөлүк өнөрүнүн маанисин түшүнгөн анын душмандары 1913-жылы ар түрдүү жалган жалаа менен акынды кайрадан карматышып, Наманган түрмөсүнө каматышат. Бул кабар элди дүрбөлөңгө салып, акын Калык, Эшмамбет, айылдан айылга кыдырышып, Токтогулду бошотуп алууга акча, каражат топтошту, анын натыйжасында алты айлык камактан кийин акын эркиндикке чыкты. Ушул мезгилде болсо керек, Токтогул «Замана» деген ырын жаратат. Акын өзү жашаган заманды мүнөздөй келип, аны кедейлерди бийлөөчү төбөлдөр тебелеп-тепселеген зордук-зомбулуктун заманы деп айтат: «Ажыдаардай залимге арбаткансың замана», «ач бүркүткө түлкүдөй алдыргансың замана». Бул ырда акындын ичтеги күйүтү замананын бузуктардын алдында алдыргандыгы, арманы берилет. Ошондуктан Октябрь революциясынын жеңишин Токтогул чоң кубаныч менен кабыл алган. Ал чын дили менен партиянын ишин, В.И. Ленинди, Совет бийлигин, айылды коллективизациялоону даңазалап ырдап чыкты. Токтогулдун «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду», «Жаркылдаган большевик», «Ырыска бүткөн Ленин» деген ырлары өзү эле көргөзүп тургандай, жаңы доорду, жаңы заманды, Октябрды даңазалаган ырлар. Эркиндик алган элге кайрылып акын насыят түрүндө: «Тушалган темир чидерден, бошоткон бутун элимдин», «атадай баккан алдейлеп», Лениндин амандыгын тилөөгө чакырат. Ушундан тартып Токтогулдун төкмөлөрү эски менен жаңыны салыштыруу аркылуу Совет бийлигинин жетишкендиктерин, эркин эмгекти даңазалайт. Токтогул бүт дили менен жаңы замандын адамгерчилик идеалдарына ишенет. Ошого элди кызмат кылууга чакырат, «кулдуктан сени куткарган» бул адилет бийликке: «Ыракмат айт, алкыш айт» – деп эскерет.
Токтогул кыргыздын улуу төкмө акыны гана эмес, теңдешсиз чебер обончусу да. 1928-жылы акындын күүлөрүн А.В.Затаевич жазып алып, баа жеткис кызмат кылган. А.В.Затаевичтин редакциясы астында 1934-жылы Музмамбастан чыккан 250 ыр жана күүнүн ичинен он сегизи Токтогулдан жазылып алынган комуз күүсү болучу.
А.В. Затаевич бизге акындын эсте каларлык портретин жазып калтырган: «Сырткы түрү боюнча бул чакан бойлуу, кичинекей көздөрүнөн мээрим төгүлгөн, туурулган бырышсыз кызыл жүздүү, кардай аппак сакал карыя экен. Эч качан өзүнөн ажырабаган комузун шырылган чапанынын кең өңүрүнүн астына сыртынан эч билиндирбей катып жүрөт, кебетеси комузун мойнунан ички куруна кыстарып алат окшойт. Комузду көп жана көңүлдөнүп чертет». А.В.Затаевич Токтогулдан ал жолу «Тогуз кайрык», «Шыңгырама», «Теңселме», «Миң кыял», «Көкөй кести», «Терме» ж.б. бир катар күүлөрдү жазып алган.
1928-ж. Токтогул Пишпекке чакырылат, аны менен бирге Муратаалы Күрөнкөев, Карамолдо Орозовдор да чакырылат. Бул чакырууну Токтогул зор кубаныч менен кабыл алат. Пишпек шаарын «арааны жүрүп турган» азыркы элдин символу катары карап: «Бири да картаң көрүнбөйт» – деп, мындагы эл жаңырган, гүлдөгөн жаңы эл экенин символдоштуруп ырдайт. Тилекке каршы, жетекчилер өз ишин жетиштүү даражада тейлеп алууга кудурети али жетишсиз болгондуктан, Токтогулдун чыгармачылыгына чыныгы баа бере алышкан эмес. Акын өзү бул жөнүндө минтип ырдайт:
Чакырып барды Пишпекке,
Барбайт элем өзүмчө,
Чакырып алды милдетке
Кээ бирөө сүйсө «Токо», – деп Кээ бирөө мени сүйбөдү
«Келжиреп калган экен»,– деп.
Албетте, мындай мамиле акындын сезимтал көңүлүнө оор тийди, ушундай мамиле сөзсүз акындын оптимисттик поэзиясынын отун өчүрүүгө себепкер болду, издегенин таап кайра жоготууга учурагандай болду. Турмушта көптү көргөн, көп азап чеккен, көп ойлонгон жана акыйкатты издеген акындын жүрөгү жаңы замандын жалгандыгын да сезип калгандай болду.
Акын 1933-жылы 69 жаш курагында өз жери КетменТөбөдө дүйнөдөн кайткан. Кыргыз эли анын жаркын нур төккөн жана жашоо-турмушту сүйүүгө үгүттөгөн ырларын жоготпой, төкпөй бүгүнкү күнгө чейин сактап келди.
Раиса КЫДЫРБАЕВА
МОЛДО КЫЛЫЧ
Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатырдын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн.
Азыр бул жер Тянь-Шань областы, Чолпон районуна караш туу «Осо авиахим» колхозу. Бул колхоздун мүчөлөрү негизинен Кылычтын туушкандары – Төрөкелди уулунан куралган. Бугучуда Төрөкелдинин күмбөзү бар, Төрөкелди уулунун бейи ти деп аталат. 1917-жылы Кылыч да ошол бейитке коюлган.
Кылычтын теги – жети атасынан бери журт бийлеп келген сарбагыш уругундагы белгилүү тукум. Кылычтын өз атасы Шамыркан – Төрөкелдинин тун уулу. Шамыркан калган төрт инисине – Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткараларга караганда, журт бийлигине көп илеше алган эмес. Өз оокатына тың, айыл аксакалы болуп өткөн. Шамыркандын учурунда ата бийлиги Төрөгелдинин үчүнчү уулу Үркүнчү менен кенже уулу Чоткарага өткөн. Эми Кылычтын тушунда бийликти Үркүн чүнүн балдары – Өтөмбай, Табыштар алган. Шамыркан: «Ата бийлигин колго алар бекен» – деп Кылычтан көп үмүт кылган. Кылыч акындыктын артына түшө баштагандан кийин: «Ырдын артынан кетти, бул уулум да болбоду» деген экен.
Ал эми Кылычтын чоң атасы болсо – учурунда кыргыз арасында баатыр атанып, аты чыккан кадимки чоң Төрөкелди. Төрөкелди далай чабуулдарды баштап, далай жоо чабыштарга катышып, кыргыздын уруучулдук феодалдык күрөштөрүн баштап, жоокерчилик замандын кийинки доорунда жашаган.
Ошентип Төрөкелди, Ормон хандын замандаш курбусу жана анын кол башчысы катарында болгон. Ал далай жоо чабыштарда эрдиктерин көрсөтүп, кылычынан кан тамган канкор баатыр, бай киши болгон. Төрөкелди өлөр-өлгүчө Кочкор сарбагышынын бийлигин колунан чыгарган эмес.
Кылычтын үчүнчү чоң атасы кадимки чоң Абайылда. Бул киши да баатыр атанып, зор дөөлөткө ээ болуп, Темирболот элин бир чыбык менен имерип өткөн. Абайылда үч аялынан 12 балалуу болгон. Төрөкелди болсо Ботокөз байбиче аттуу улуу катындын үчүнчү уулу. Кылычтын төртүнчү чоң атасы – наам ына эл аталган кадимки чоң Черикчи. Черикчи болсо, Темирдин уулу. Кылычтын жетинчи чоң атасы кадимки Үчүке баатыр. Үчүке, Түлкү, Черикчилер кыргыз элине калмак хандары кысымдарын көрсөтүп турган учурда (XVII– XVIII к. к.) жашаган. Булар кыргыздын колун баштап, калмактарга каршы уруштар жүргүзгөн. Эл коргогон эрдиктери үчүн булардын бир катарларынын наамы, кылган баатырдык иштери кыргыз элинин ооз адабиятында дагы эле болсо эскерилет.
Ошентип, кыргыз элинин өткөн доордогу атактуу жазуучу акыны Кылыч жети атасынан бери эле эл бийлеп, кыргыздын уруучулук-феодалдык бийликтерин жүргүз үп келген белгилүү манап тукумунан чыгат. Тукумдан-тукумга өткөн бул ата бийлик Кылычтын учуруна чейин келген.
Кылыч өзүнүн ата-бабалары жөнүндө мындайча ырдаган:
«Атымды айтсам ким билет, Атамды айтсам эл билет: Төрөкелди, Ормон деп, Төгөрөктү соргон деп».
Төрөкелдинин тукумунан жалгыз Кылычты жакыр өткөн деп айтса да болот. Үркүнчүнүн балдары Өтөмбай, Табыштардай ата жолун жолдоп, эл бийлеп, журт үстүндө жүрө алганы жок. Баатыркандын уулу Муратаалыдай мал урунуп, баш жумшап, дөөлөт күтө алганы жок. Чоткаранын балдарындай соода-сатыкка аралашып, урундуруп пайда өндүрүп, байый алганы да жок. Адилетсиздиги ашынып, шумданган заманда Кылыч адилеттүү сөзүн айтып, эзилген элдин зарын ырдап, көркөм сөз үлгүлөрүн чыгаруу менен өмүрүн өткөргөн.
Анын замандаштары Кылычтын жалгыз аты, саан уюнан башка малы болгон эмес дешет. Ар дайым жатакта калып, азыноолак жерге арпа чачып, кедейлерден бөлүнбөй, жайдыр-кыштыр Бугучунун токоюнан алыс көчпөгөн.
Кылыч бала-чакалуу киши болгон. Биринчи аялынан 6 кызы болгон, ал өлгөндөн кийин экинчи аял алып, андан да бир нече балалуу болгон. Чөбүрөгөн жаш балдарын же кийиндире албай, же тоюндура албай кыйналганда:
«Эй, кызыталак бакырчылык, менден дос көрөр кишиси жок бекен!» – деп кейиш кылган. Ошондо:
«Шайырбүбү – шайыр кыз, Шаана менен айыл кыз.
Шайырга куда болгондо,
Как ошондо байырбыз» –деп, эркелетип балдарын сүйүп, көңүлүн сооротуп, жокчулуктун өкүмүнө көнгөн.
Эми Кылыч болсо, эл кыдырып ашта-тойдо ырдаган эмес. Дөөлөттүүлөрдү жандап, алардан «колдоочу» да күткөн эмес. Кылыч жазуучу болгон. Ал кайта эл бийлеген жемекейлердин – бий, болуш, молдолордун атын атап, айыбын чукуп жазган. Элдин эзилген эриксиз кунун айтып, замандын адил сөзүн сүйлөгөн. Ошондуктан Кылычтын дөөлөттүүлөр тарабынан жардам күтүшү мүмкүн эмес эле.
Канат, Өтөмбай, Табыштардай журт үстүнөн ырыскы өндүргөн дөөлөттүү өз туугандарын жана ушулардай эл бийлеген толуп жаткан башка «мыктыларды»:
«Куруп калсын алардын, Арамдан тапкан ырысы» –деп, алардын байлыгын жериген.
Кылыч бүт өмүрүн жазуучулук ишке жумшаган. Бирок ал бул эмгегинен өз өмүрүндө береке көрбөсө да, көзү өткүчө жазуу ишинен айныган эмес. Анткени ал кең таланттуу, чыныгы сөз чебери болгон. Ал адилетсиздикти, арамдыкты, залимдикти көрө туруп, сүйлөбөй туралбаган. Анын таланты көкүрөгүнөн, жүрөгүнөн демитип сүрөп, сүйлөтүп турган. Кылыч өзүнүн чыгарган адилет үлгү сөздөрүн мындайча мүнөздөгөн:
«Койбой айтып келемин
Нечен түркүм адамды, Тандабады кантейин,
Тилим жакшы, жаманды».
Кылыч жамак сөздү – поэзияны жана аны чыгарган чыныгы таланттын мүмкүнчүлүгүн өтө жогору баалаган.
«Жамак деген жарандар, Тоодан үлкөн кен экен.
Сузуп алса түгөнгүс,
Дарыя, чалкар көл экен» – дейт.
Кылычтын таланты ушул өзү айткандай өтө зор жана терең болгон. Кылыч ырды жалаң эле жазбастан ооз ачып айтканда да, айтылуу акындардан кем ырдаган эмес. Анын акындар менен бет алышып айтышкан учуру да болгон. Бет алды келе калганда жамак сөздү буйдалбастан төгүп жиберүүчү да болгон. Бирок улуу акын айтыш, мактоо, кордоо сыяктуу акындык жанрларды ырдоону өз милдети катарында эсептебеген. Ал кыргыздын жазма адабияты жок кезде, XIX кылымдын аягында биринчи ыр жазып, кыргыздын жазма адабиятын туңгуч негиздөөгө киришкен. Ошол наадандык шартта жана жакырчылыктан канчалык кыйналса да, ал алган багытынан кайткан эмес. Өзүнүн улуу өнөрүн, ардактуу милдетине өмүрүнүн аягына чейин берилген.
Кылыч мектептен окуп, системалуу билим алган ки ши эмес. Ал элет ичиндеги ар кайсы молдолордон анча-мынча сабак алып, таалим көргөн. Саяк молдо Баян, Чүйдөгү молдо Мамбетаалы, Ак молдо дегендерден азыноолак окуган. Булар ошол учурда дин жолун түзүк түшүнгөн белгилүү молдолордон болгон. Бирок Кылыч китеп окуп, кат жазууну көбүнчө окуп, өз аракетинин натыйжасында жетишкен.
Кылычтын өзүнүн окуусу, билим жөнүндөгү айтканы баштатан элге белгилүү:
«Молдо Кылыч мен атым, Болжолу жок санатым. Чала чыккан башынан Чаар китептен сабатым. Жүрө-жүрө арбыган, Казал жазган кагазым. Калайыкка билинип, Катка түшкөн абазым».
Кылыч өмүрүнүн кийинки учурунда, 1910-жылдарда өзү да анча-мынча убакыт бала окуткан. Кылыч жалаң эле дин китептери эмес, мусулман жазуучуларынын адабий чыгармалары менен тааныш болгон. Навои, Суфи-Аллаяр, Хожа-Хафиз, Бедил, Рабгузи, Ахмет Ясауйлердин чыгармаларын билген. Орто Азиядагы түрк тилине которулган «Миң бир түн», «Тоту-нама», «Шах-нама» сыяктуу араб, фарси адабиятынын үлгүлөрү менен да таа ныш болгон.
1905-жылдардан кийин Кылыч татар тилинде чыгуучу жаңы газета, журналдар менен таанышат. Гаспринскийдин «Таржиман» газетасын, Казанда чыгуучу «Юлдуз» газетасын окуйт. Бул учурларда казак акындарынын чыгармалары да басыла баштайт, Жусупбек кожо, Машур-Жусуп жана башкаларынын өлөң кыссаларын окуйт. 1911-жылы Казанда өзүнүн «Зилзала» аттуу казалы басылат. Бул китеп – ошол доордо кыргыз тилинде басылып чыккан биринчи адабий чыгарма.
Кылыч өз доорунда илгери даражада турган алдыңкы пикирлүү адам болгон. Ал доордо кыргыз арасында караңгылык, наадандык турмуш өкүм сүрүп тургандыгы белгилүү. Ошол учурда Кылыч китеп маданияты, жазма адабият менен таанышып, кыргыздын биринчи жазма адабиятын негиздөөгө киришти. Ошону менен бирге, ал кыргыз адабиятына андан мурун болбогон жаңы багыт, жаңы идеялык талаптарды киргизди.
Кылычтан мурда кыргызда жазма адабияттын өкүлдөрү болгондугу белгисиз. Кылычтан кийин гана, анын жолун жолдогон Тоголок Молдо, Алдаш молдо, Ысак Шайбеков, Исмайыл Сарыбаевдерге окшогон бир нече жазуучу-акындар чыга баштайт.
Кылычтын өз өмүрүнүн учурунда анын «Зилзала» жөнүндөгү казалы басылгандыгы айтылды. Анын калган негизги чыгармалары басма жүзүн көргөн эмес. Кылыч чыгармаларын эл арасына кол жазмасы аркылуу тараткан. Кат билген кишилер көчүрүп алган. Ал көчүрүлгөн нускадан дагы бирөөлөр көчүргөн. Чыгармаларынын таралыш жолу ошондой татаал болсо да, Кылычтын ырлары учурунда эл арасына кеңири жайылган. Көбүнчө түндүк кыргыздардын арасында – Көл башынан Таласка чейин, Тогуз-Торо, Ат-Башыдан Чүйгө чейин учурунда Кылычтын ырларын укпаган кыргыз чанда болгон деп айтса да болот. Кылычтын ырларынын көпчүлүгү макал-ылакап катарында эл оозунда айтылып кеткен.
XIX к. аягында – XX к. башында кыргыз элинин көкөй кескен мүдөөсү, биринчиден, падышачылыктын кулчулугунан кутулуп, улут эркиндигине, улут теңдигине жетишүү болсо, экинчиден, жергиликтүү бай-манаптардын бийлигинен кутулуу эле.
Элдин эркиндикти көксөгөн ушул улуу талабы – Кылычтын чыгармаларында негизги тема катарында орун алган.
Кылычты да XIX кылымдагы кыргыз элинин эзилген абалынын күзгүсү деп айтууга болот. Анын чыгармаларынан ошол учурдагы кыргыз элинин эки жактан эзилген абалы, анын эркиндикти көксөгөн улуу талабы толук орун алып, андан күзгүдөн көрүнгөндөй көрүнөт.
Кылыч элди маданияттуу турмуш, илим жолуна үндөгөн агартуучу (просветитель) акын катарында болгон. Наадандык турмуш өкүм сүрүп турган учурда Кылыч маданияттуу турмушту биринчи баалап, элди илим жолуна, окууга үндөгөн:
«Жатып өзүм кайгырам
Кыргыз, казак калкыма, Артта калган караңгы,
Жапан өскөн салтына».
Кылычтан мурда кыргыз адабиятында маданий-агартуучулук тема болгон эмес. Ошол учурда кыргыз акындарынан Кылыч гана биринчи маданиятты баалап, элдин келечек тагдыры илимсиз чечилбестигине көзү жетип, маданият тематикасын биринчи жолу кыргыз адабиятына киргизет.
Кылычтын бул маданий-агартуучулук талабы орус маданиятынын таасири аркасында туулган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин, ага акырындап орус маданияты таасир кыла баштайт. Кыргызстанда шаарлар өсөт, орус дыйкандарынын кыштактары түшөт. Ушулардын баары орус маданиятын аз-аздан Кыргызстанга келтире баштаган.
Орустар кыргыздарга караганда бардык тиричилик жагынан көп жогору турган. Алардын тиричилиги өнөрдүн негизинде уюшулган. Кыргыздар электротехниканы – телеграф, телефон, түрдүү айыл чарба машиналарын, өзү от алуучу беш атар мылтыкты жана ушулар сыяктуу замандын алдыңкы техникаларын орустан көрүштү. Падыша өкмөтүнүн башкаруу аппараттары тармакталып, алардын иштери бир кыйла так уюшулган. Сурак, бийлик иштери закон-мыйзамга негизделген. Келгин орус дыйкандары дыйканчылык, мал өстүрүү жагынан да кыргыздардан жогору турган. Кылыч орустардын ушул артыкчылыгын көрө туруп, кыргыз элинин маданияттан кылымдар бою артта калгандыгын түшүнөт. Бул өнөргө, мындай тиричиликке илим, окуу аркалуу гана жетише тургандыгын болжойт. Ошентип, Кылычтын бул түшүнүктөрү маданий-агартуучулук талап катарында анын чыгармаларынан орун алган.
Ал доордо орус маданияты кыргыз арасына сиңип, аны кыргыздар өздөштүрүп кете алды деп айтууга болбойт. Падышачылык орус элинин маданиятын кыргыздарга окшогон майда көз каранды элдерге сиңирүүнү каалаган эмес. Ал кайта орус маданиятын кыргыздардан калкалап, улуттардын арасында караңгылыкты, наа дандык турмушту өстүрүүгө аракет кылган. Орустардын арасында улуу державалык шовинизмди күчөтүп, элдерди бирине бирин жоолаштырып, улуттар арасында кастыкты күчөткөн. Падыша өкмөтү элдердин боорлошуп, достошуп кетишинен корккон.
Экинчи жагынан жергиликтүү бай-манаптар жана улутчулдар өздөрүнүн элге кылган кылмыштуу иштерин орус элине жамап, аны эзилген элге жоо көрсөтүп, нааразылыктарын арбытууга аракет кылышкан. Ошол шартта Кылыч элди бүлдүрүп жаткан чын кылмыштуулар орус эмес, жергиликтүү бай-манаптар экендигин жазып, элге тааныткан:
«Орустун жоктур залалы,
Көрүнөт көзгө карааны,
Көрө албай куруп жатабыз Жүрдү деп анын арааны.
………………………………………….
Алымдан башка бир тыйын, Чыгым кылбайт малыңды. Өзүңдүн бий-болушуң,
Кетирип жаткан алыңды».
Падышачылыктын саясатынын натыйжасында эзилген кыргыз эли орустарды эзүүчү эл катарында жоосунтуп турган учурда, Кылыч орус элинин маданияттуу эл экенин түшүнгөн. Кыргыздарга караганда анын өнөрүнүн, тиричилигинин алда канча илгери экенин объективдүүлүк менен жазат. Анын касташкан жоосун жеңе келген баатыр эл экенин, алардын турмуш салтынын кыргыздардын уруучулдук-феодалдык салтына караганда алда канча демократиялуу экендигин байкаган. Кылыч орус элинин маданиятына кызыгып, ал маданиятты кабыл алдыруу үчүн элди үгүттөөгө чейин барып, бирок дин маселесине келгенде кылчактап туруп калган.
«Капырлыгы болбосо, Кыйын экен жыргалы.
Кандай жумуш болсо да
Ойноп-күлүп кылганы».
Кылыч орус элинин улуу маданияттуу эл экендигин таануу менен гана чектелди. Ал казак элинин улуу жазуучусу Абайдай орус элинин адабияты менен таанышып, аны өздөштүрүүгө жете алганы жок. Анткени казактар кыргыздарга караганда жарым кылым мурда орус маданияты менен аралаша баштаган.
Кылычтын учурунда кыргыз эли орус эли менен жаңыдан гана катташат. Ал учурда орус элинин тили, анын демократиялуу маданияты жана адабияты кыргыз арасына кире алганы жок. Падышачылыктын саясатынын натыйжасында кыргыздарга окшогон эзилген элдер орустарды жоосунтуп, элдердин арасында нааразылыктар арбып турган учурда Кылычтын орус элин жана анын маданиятын объективдүүлүк менен жогору баалашы анын илгери талаптуу акын экендигин айкындайт.
Жыйынтыктап айтканыбызда Кылычтын адабий-тарыхый мааниси төмөндөгүлөр:
Биринчиден, падышачылыктын колониялык саясатынын натыйжасында кыргыз эли кул катары өзүнүн улут эркинди гинен жана теңдигинен ажырап турган учурда Кылыч улут эркиндигин ырдады. Экинчиден, кыргыз элин аёосуз түрдө талаган дөдөй бий-болуштардын бийлигине каршы элдин акыйкаттуу, адилеттүү таламын сүйлөдү. Үчүнчүдөн, наадандык, караңгылык өкүм сүрүп турган учурда, ал элди илимге, маданиятка чакырды. Төртүнчүдөн, падыша өкмөтү жана бай-манаптар элдерге орус элин жоо көрсөтүп, улуттардын бири-бирине наа разылыгын күчөтүп турган учурда, орустардын улуу маданияттуу жана келечеги чексиз зор эл экендигин түшүнүп, аны элге таанытты.
Бул айтылгандар менен катар Кылычтын чыгармасында, биздин замандын көз караштарына туура келбеген карама-каршылыктар да бар. Кылычтын чыгармаларында учураган, бирок ага мүнөздүү болбогон тескери, көлөкөлүү учурлары жашырып-жабылбастан, ачык-айрым көрүнөт.
Эми Кылычтын биздин көз караштарга туура келбеген, «өз доорунун уулу катарында» анын чыгармасынан орун алган карама-каршылыктарына токтоло кетели.
Кылычтын чыгармаларында дин маселеси көрүнүктүү орун алат. Анын чыгармалары «бисмилла» менен башталып, келме менен бүтөт. Пайгамбардын хадистерин, шарият сөздөрүн анын ар бир казалынан учуратууга болот. Заманды, кишилерди сынап айтып-айтып келип, өзү да кудайга тобо кылат. Өзүнүн «жалган дүйнөдө» учурлуу жашаган «күнөөкөр» пенде экендигин айтып, Алла Тааладан кечирим сурайт.
Биринчиден, кудайга жалынып, динди эске алып отуруу ал доордогу жазма адабий чыгармачылыктын стиль – жолу катарында болгон.
Кылычтын доорунда кыргыз арасына китептери менен таралган фарс жана Орто Азиянын түрк тилинде жазган мусулман жазуучулары өздөрүнүн чыгармасына киришүүнүн алдында, эреже катарында Кудайга жалынып, анын кереметтерин сүйлөй турган. Кудайдын кудуретчилдиги менен дүйнөнүн жаратылышынан тартып, Адам алейсаламдын тарыхын, Иблис шайтанды кудай каргыштаганга чейин айтып келип, анан гана өз чыгармасына өтө турган.
Кылыч өз чыгармаларын «казал» деп атап, бул сыяктуу чыгармалар жазуунун жолун ошол эски мусулман жазуучуларынан үлгү алган.
Экинчиден, дин ал доордо эл арасында негизги идеология катарында өкүм сүргөн. Мусулманчылык кыргыз элинде канчалык тайкы болсо да, эл өзүн мусулман эсептеп, анын жолун жолдоп, негизги эрежелерин аткарууга аракет кылышкан. Кудайдын «кудуретине» жана анын «кереметтерине» ишенген Кылыч «өз доорунун уулу» болгондуктан, дин маселесинде доорд ун көз караштарынан чыга алган эмес. Кылыч жаратылыштын, коомчулуктун закондорун түшүндүрүүдөгү мусулман дининин жолдорун чындык катарында кабыл алган.
Бирок Кылыч динди адамдын көкүрөгүндөгү, анын көңүлүндөгү ыйман катарында түшүнгөн. «Зулум, бакыл болбой, кайрымдуу бол», «өз мээнетиңдин убайын көр», «адам акысын жебегин» – деп Кылычтын мусулманчылыгы сопулук менен байланышкан.
Дин жеке кишинин ыйманы болбой, ал эзүүнүн, алдоонун куралына айлана баштаганда, андан Кылыч баш тартат. Динди эзүүнүн куралына айландырган молдолорду күнөөкөрлөп, аларды эл бүлдүргөн ыймансыз зулумдар катарында айыптайт:
«Молдолор кылды порумду, Башка селде коюлду. Өлүк өлгөн жер болсо, Орой басып чогулду.
…………………………………………..
Молдолор курсун акыры, Баарынын бузук мүнөзү. Алкымы жаман алардын, Агарган менен төбөсү.
Башында туруп кор болду, Пайгамбардын селдеси. Дилинде шайтан жолу бар, Тилинде актын келмеси».
Наадандык шартта, орой бийлик үстөмдүк кылып турган шартта Кылычтын бул сыяктуу дини коомчулук мамилени жумшартууга себепчи болгон. Элди өз эркинче аёосуз түрдө эзген түркөй бийликчилерди кылчактатып, артын ойлонткон.
Бул айтылгандар Кылычтын чыгармаларындагы анын негизги прогрессивдүү, адамкерчиликтүү учурларына каршы келген, тескери жагы дегенибиз ушул. Бирок бул учурлар анын чыгармаларын эч убакта мүнөздөй албайт. Булар анын чыгармасында экинчи, эң кийинки планда турган көлөкөлүү гана жерлери. Кылычтын карама-каршылыктарын ажыратып билүү, анын өлбөс адабий мурастарын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эл душмандары Кылычтын чыгармаларындагы экинчи пландагы ушул көлөкөлүү учурларын негиз катарынд а алып, улуу акындын жүзүн бурмалоого аракет кылышкан. Аны кыргыздын эски уруучулук-феодалдык доорун көксөгөн бай-манапчыл, консервативдик акын катарында мүнөздөгөн. Акындын наамын жаманатты кылып, анын чыгармаларын элге жат көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Кылыч өз дооруна караганда өткөн доорду артык көргөндүгү чын. Бирок ал кыргыздардын өткөндөгү баатырдык доорун, баатырдык салтын мактап ырдаган. Кыргыз эли улут эркиндигинен ажырап, кулчулук абалда турганында, баат ырлык ата салтты кошуп ырдап, элдин эркиндик сезимин ойготуп, күрөшкө чакырган. Элди аёосуз түрдө талап, бай-манаптардын залимдиги күчөп турганда, Кылыч алардын арамдык иштерин көрсөтүп, баатырдык доордогу жоого каршы эл баштап, эл баккан эрлерди кошуп ырдаган:
«Жоо качырып эл баккан,
Илгеркинин кезеги,
Жалган айтып мал тапкан, Эмдигинин чечени».
Кылыч өткөн доордогу эзилген кыргыз элинин эркиндигин көксөп ырдоо менен бирге, анын чыгармасына жалпы адамкерчилик темасы негиз болгон. Ал адилеттикти, адамкерчиликти ырдаган. Баатырдык, эрдик, өнөрпоздук, жарамдуулук сыяктуу адамдын артык сапаттарын жогору көтөргөн.
Кылычтын чыгармалары кыргыз элинин адабий казынасынан эң жогорку кенчтердин бири катарында орун алат.
Кылычтын 1911-жылы басылган «Зилзаласынын» кириш сөзүнө караганда, ал жыйырма жаштарынан ыр жазууга киришкен болуу керек. Ал кириш сөздө мындайча жазылган: «Саф тилдин тунугунан, кара Кочкор туругунан чыккан машхур шайыр (акын) Молдо Кылыч 20 жылдан бери газал жазып чыгарган эди». Демек, Кыл ыч 1880-жылдардын ичинде ыр жазууга киришип, 30 жыл болжолунда адабият жолунда кызмат кылган.
Кылыч бир кыйла төлдүү акын болгон. Бирок анын өз кол жазмаларынын көпчүлүгү сакталып калганы жок, чыгармаларынын жазылган жылдары да белгисиз. Азыркы жыйналган чыгармалары ар кимдин колундагы көчүрмөлөрдүн, кала берсе эл оозунан жазылып жыйналды. Ошондой болсо да, кыргыздын XIX кылымдагы акындарынын ичинен Кылычтын чыгармалары бир топ толук топтолду деп айтууга болот.
Өз учурунда Кылычтын чыгармаларынын ичинен «Зар заман», «Канаттуулар», «Чүй баяны», «Зилзала» эл арасына кенен таралган. Булардан башка да бир кыйла казал, ыр, пародия-какшыктарды жазган. Маселен, «Уй казал», «Кол казал», «Кара Кочкор», «Эркинтоо», «Байтайлак», «Жинди суу», «Кыз-жигит», «Садырбай» деген казалдарды жана бир кыйла майда какшыктарды жазган. Булардын көпчүлүгү азыр да болсо эл арасында айтылууда, көркөмдүк жана тарыхый-адабий мааниси жагынан анын ири казалдарынан кем бааланбайт.
Кылычтын замандаштарынын айтуусуна караганда, ал «Чүй баянын» жазгандан кийин гана акын аталып, эл оозуна кире баштаган. Бирок бул анын биринчи казалы эмес, андан мурда «Кыз-жигит», «Көбөй Султан» деген казалдарынын жазылгандыгы айтылат.
Кылыч «Чүй баянын» 80-жылдардын акыркы учур унда жазган болуу керек. Бул казалынан анын чыгармачылык жүзү аныкталып, бир багыт алып такшалган акын катарында көрүнөт.
«Чүй баянында» Токмок шаары жана Чүй өрөөнүнүн жаратылыш байлыктары жөнүндө сүйлөнөт. Кы лыч бул казалын өзүнүн кара Кочкорунан биринчи жолу Чүйгө келип, Токмок шаарын көргөндөн кийин жазган болуу керек.
Кылыч «Чүй баянындагы» Чүй канаттуулары жөнүндө ырдаганын кийинчерээк дагы улантып, «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою» аттуу өзүнчө эки казал жазат.
«Чүй баянында» Чүйдөгү болгон ар уруу канаттуулардын аты аталып, алардын көптүгү айтылат. Ал канаттуулардын ар биринин жаратылышы ар башка, күн көрүштөрү да ар башка экендиги сүйлөнөт. Бул казалдагы болгон идеялык пикири ушул, андан башка эч кандай кошумча пикир жок. Эми «Канаттуулар» менен «Бүркүттүн тоюнда» канаттуулардын жайы сүйлөнгөнү менен, ага кошумча социалдык пикирлер кошулат. Куштардын мамилесинен коомчулуктун, кишилердин мамилеси көрүнөт. Ошентип бул «Канаттуулар» менен «Бүркүттүн тою» тамсилге өтөт.
«Буудайык» Кылычтын өз чыгармасы эмес. Бул «Куш төрөсү буудайык» жөнүндөгү элдин жомогу. Кыргыздын байыркы мифологиясында ар бир жаныбардын өзүнчө «төрөсү, падышасы же ата-бабасы болгон» деп түшүнүлгөн. Маселен, ит төрөсү Кумайык болсо, куш төрөсү Буудайык. Ошолор сыяктуу, ар бир түлүк малдын да өз атасы же бабасы болот деп эсептешкен. Бул ар бир уруу жаныбардын «төрө аталары» жөнүндө эл ылакап, жомоктор чыгарган. Эми бул «Буудайык» жомогу да ошол элдин мифологиялык жомокторунун бир цик лынан.
Өткөн доордогу кыргыз акындарынын ичинен куш жөнүндө Кылыч көп жазган. Ошондуктан «Буудайык» да кийин ки кезде ага ыйгарылып кеткен. Бул Кылычтын 1925-жылы басылып чыккан «Канаттуулар» аттуу жыйнагынан башталды. «Буудайык» ошол жыйнакка киргизилген болучу. Кылыч бул жомокту өтө жогору баалаган. Канаттуулар жөнүндөгү казалынын жазылышына «Буудайыктын» таасир кылгандыгы да байкалат.
«Зар заман» Кылычтын эң ири чыгармасы. Бул тематикасы жагынан да, көлөм, көркөмдүк жагынан да башка чыгармаларынын ичинен айрыкча орун алат.
Кылыч «Зар заманды» хижри боюнча 1316-жылы жазып, ошондо 32 жашка чыккандыгын көрсөтө кетет. Бул жылды христиан жыл санагына которгондо 1898-жылга туура келет. Бирок ушул жылы ал «Зар заманд ы» жазып бүтүргөндүгү же аны жаза баштагандыгы белгисиз.
Кылыч «Зар заманды» бир-эки жылдын ичинде жазып бүтүргөн болбоо керек. Замандаштарынын айтуусуна караганда бир нече жылдар бою жазган. Бул «Зар замандын» мазмунунан да байкалат.
«Зар заман» «Чүй баянындай», же «Канаттуулардай» бир темада жазылган чыгарма эмес. Кылыч бул казалын ошол замандагы эзилген элдин зары, муңу деп атап, анда буга байланышкан бардык маселелер козголгон.
Кылыч эң абалы падыша өкмөтүнүн, бий-болуштардын адилетсиз сурагын, эзилген элдин абалын айтып, «Зар заманды» баштаган болуу керек. Кийин материал кошулган сайын уландыра берген.
«Зар заман» санат түрүндө жазылган. Анда сюжет жок, сюжетти курган окуя, окуяны туудурган каарманы да жок.
Санат, макалдардан же макал сыяктуу афоризм үлгү сөздөрдөн курулат. Макал болсо, адабий түрдө айтылып калтырылган ата-бабанын насааты. Ал эми санат болсо ошол макал жана үлгү сөздөр курулган ыр. Санат ыр көлөм жагынан ар кандай болот. Он чакты жол ырдан тартып, бир нече басма табак көлөмүндө болушу мүмкүн.
Кылычтын «Зар заманы» болсо он басма табак көлөмүндө. Ушунчалык көлөмдүү санат ыр баштан-аяк макал сыяктуу үлгү, насыят сөздөр менен айтылган. Үлгү катарында бир нече мисал келтирели:
Жаман айткан суук сөз, Сөөккө баскан тамгадай.
………………………………………
………………………………………
Жакшы ороп таңбаса,
Жүк бекитпес аргамжы.
………………………………………
Жаман адат курусун,
Жүнгө кирген уйгактай.
………………………………………
Ызааты бар кар болбос,
Ачуу кылган чоң болбос.
………………………………………
Акылы бар карылар, Жаңы келген күйөөдөй. Сабыры көп адамдар,
Жүк көтөргөн түйөдөй.
………………………………………
Убадасы жок жигит, Эрден чыккан жубандай. Кыз-келиндин жаманы, Үй бүлдүргөн чычкандай. «Баатыр» кылат атантып, Бакты-дөөлөт адамды.
………………………………………
Сөз бербеген жөө чечен,
Учуп жүргөн камгактай.
………………………………………
Ала көөдөк адамдар, Куру дүрмөт мылтыктай. Сөзү суук адамдар,
Шамал кирген жыртыктай.
Бул келтирилген мисалдар – макал катарында айтылуучу санат сөздөр. Учурунда макал катарында эл арасында айтылып да кеткен. Бул сөздөр азыр да болсо эч кандай өзүнүн маанисин жоготпойт. Анткени бул адамдын негизги адамкерчилик, жарамдуулук сапаттары жөнүндө айтылган үлгү сөздөр. Кайсы доор болсо да булар күнү бүгүнкүдөй мааниге ээ болот.
Тазабек САМАНЧИН
Түндүк кыргызында Тагай насилинин, Дөөлөстүн кенже уулу, кадимки манап тукумунан Темирдин балдары, Абайылданын баласынын баласы атактуу Төрөгелдинин бир ата тууганы Шамыркандын уулу 1875-жылында (доңуз жылы) Кочкордо туулуп, атын Кылыч койгон. Кичине чагында кыргызча окуп, 1892–1893-жылдар чамасында ыр-өлөң жазышка абдан ниет-зээнин коюп, ашта-тойдо ырдаштан токтолуп намыстанган, абалы ырды жазып, андан соң элге окуп берген. Комузга салып айтуунун абалында адет кылып, кийин комуз, домбура менен айтуу акындыкка тоскоолдук келтирет экен деп, домбурасыз айтууга адеттенген. Манап насилинен болсо да эл бийлеп, калк ишине катышуу га көңүл бербеген. Өтө жарды болуп, азыноолак дыйканчылык менен оокаттанган. Эртели-кеч суу бойлоп басып, таза жерге олтуруп, ар түрдүү өсүмдүктү байкап көрүп, айланасындагы табыйгаттан тажрыйба алып, курт-кумурска, канаттуулардын алдуу, алсыздарын текшерип, анан өлөң кылып жазган. 1917-жылында 42 жашында каза болуп, кабыры туулган жери Кочкордо.
Бети кызылдуу, сепкили жок, жүзү абдан толук, тегерек чоң кара көздүү, орто бойлуу, семизче, чоңураак кара мурут, ээгинде кичине чокчо кара сакалы болуп, жаактарына сакал чыкпаган. Кийимди өтө таза кийинип, динин таза тутуп, диндар болгон.
Өмүрүндө көп кысалар жазып, алардын бир канчасы элге жайылбаган. Ар жазган кысасын арттырбастан, кемитпестен жана да бай-манап, улукка кошомат кылбастан, алардан жана да ар түрдүү дүйнө талап кылбастан, тууралык менен жазган.
Мен 1913-жылы апрель айында Ат-Башы, Нарындан келе жатып, Каракочкордо Кылычка жолугуп, төрт-беш күн бирге жүрүп калдым. Мурун 1911-жылында Коңур жайлоодо көрүп тааныштым эле. Бул сапарда алып жүргөн кысаларынан төмөндөгүлөрдү көчүрүп алдым, шашканымдан карандаш менен жазып, Кеминде үйүмө барганда көчүрүп жаздым.
Кылычтын айтуусунда эң биринчи тырмак алды жазганым:
1. «Арман кыз» – «Кыз-жигит» деди | … | 190 жол. |
2. «Зар заман» | … | 1950 жол. |
3. «Канаттуу»
4. «Бүркүт тою» (манаптын элди кыйнап, |
… | 480 |
чыгым алып, той бергени)
5. «Чүй өзөнү» (Чүйгө жолоочулап |
… | 260 |
келип жазган)
6. «Жинди суу» (1911-жылы Кеминге |
… | 650 |
жолоочулап келип жазган) 7. «Алдамчы» (1911-жылы Токмокко | … | 300 |
келгенде жазган) | … | 240 |
8. «Зилзила» 11911-жылы жазган) | … | 480 |
9. «Санат» | … табылбады. | |
10. «Кочкор-Ата» | … табылбады. |
- «Керметоо» же «Алатоо» (1912-жылында
Жумгалдагы кудасына барып келип жазган)
- «Манап, букара» деп бир кыса жазган … табылбады.13. Кийин 1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшүн жазып, аягына чыга электе каза тапкан.
Мага Кылычтын айтканы:
«Мен китептерден окудум, казак, кыргыздын акындарынын айтканын дагы көп уктум, бирок булардын баарысынан артыгы казактан – эгей Сүйүнбай, кыргыздан – Арстанбек» – деди.
Белектин байкоосу:
Кылычтын башка акындардан артыкчылыгынын бири – эч убакта ырды «чорнобайлап»[1] жазбаган, ойлонбостон, анчалык такалбастан бир жазып кеткенин кайта текшерип оңдобостон, майданга салган. Ырдын уйкаштыгына анча назар салбастан, сөздүн тереңин алып жазган. Маселен, «Зилзаланы» 1910-жылында биздин элге (Кеминге) келип жазганда көчүрүп алдым эле, кийин басмадан чыкканда эч бир өзгөртүлбөгөн.
1935 Белек СОЛТОНОЕВ
1900-жыл үстүндө мен кат-сабатсыздыгымды толук жоюп калган убактым эле. Молдо Кылычтын «Зар заман» аттуу чыгармасы кыргыз элинин араларына толкундай тарап калды. Кыргыз эли «Манасты» кандай көз караш менен сүйүп айттырган болушса, «Зар заманды» нагыз ошондой көз караштар менен карап, сүйүп окушту. Кат билген кишилер көчүрүп, колдон-колго өткөрүп турушту. Мен да көпчүлүктүн катарында жазып алып жаттап, элге тынымсыз айтып берип жүрдүм. 1922-жылы раматылык Кайым Мифтаков Тянь-Шань тарапка эл адабиятын жыюуга барганда, «Зар заманды» жазып тапшыргам биринчи болуп.
Э с к е р т ү ү: Молдо Кылыч «Зар заманды» үч ирет жазгандыгы көрүндү. Кочкор районундагы Молдо Кылычтын өзүнүн айлындагы аралаш жүргөн Убайдулда Малтабаров деген мугалим 1908-жылы жазылган «Зар заманды» 1938-жылы тапшырды.
1939-жылы Абдыкалык Чоробаев Жумгал районунан таап, Молдо Кылычтын үчүнчү жазган «Зар заманын» тапшырды.
Молдо Кылыч күчтүү, кылдат акын экендигинде талаш жок. Толгон чыгармаларынын ичинде чуулгандуусу «Зар заман» болуп олтурат. «Зар заманды» сын көз менен карап, текшерип окуганда сегиз багытта тургандыгы көрүнөт.
- Феодалдык турмушту жактайт;
- Ислам динин жактайт;
- Орус самодержавиесин жектейт;
- Кайра орусту чексиз мактап, жактайт;
- Бузук манаптарды катуу сынга алат;
- Кары, жаш дебей бардык адамдын жакшы, жаман мүнөздөрүнө кеңири токтолот;
- Бардык адамга үгүт, насыят айтат, ынсапка, адамкерчиликке чакырат. Адилет, теңдик заман болсо деп зарлайт. Кылычта терең билим жок экени белгилүү, кат- сабатсыздыгын толук жойгон, терең зээнинин аркасында ар кандай иштерди жык өздөштүргөн.
«Молдо Кылыч мен атым
Болот калем дөөтүм
Чала чыккан башынан
Чаар китептен сабатым,
Жүрө-жүрө арбыган Казал жазган кагазым.
Калайыкка билинип
Катка түшкөн адатым».
Мына бул айтканында Кылыч өзүнүн окуу, билими төмөн экендигин айтып отурат. Кылыч дүйнөгө кең көз караш кылгандыгы ачык көрүнөт. Бирок саясаттан таман сокур болгондуктан айтайын деген сөзүн байыркы караңгылык-момундукка тиреп, феодалдык турмушту жактап жиберген жерлери бар. Ислам динин жактагандыгы болсо адилеттиктин эң биринчиси ислам дининде деп билген.
Кылычтын доорунда кыргыз элине ислам динин көнүккөн, мисалы, Мекеге баруулар жана толгон шарттар орун алган. Эл бийлеген бузук манаптардын элди аман тарбияга үйрөткөн дүктөрүнүн бардыгын эл динден тайгандыктан шумдуктуу иштер көбөйдү деген. Молдо Кылычтын акыркы «Зар заманында» өнүгүп бара жаткан маданият аны өнүктүргөн улуу орус элин чын көңүлдөн жактап кирген.
Кылыч караңгы доордогу, чөйрөдөгү артта калган билимсиз коомдон суурула чыгып, акыйкатты айтып чыккан. Кара туман феодалдык, жокко башты катыктырган ис лам дини, ажыдаардай арбаган желмогуз манаптардын таасири да жукпай койгон эмес. Кылыч сыяктуу теңиз акындын сөздөрүн жерге таштабай, кир-когун жууп таштап, элге бериш керек…
Ыбырай АБДЫРАХМАНОВ
Сарбагыш уругунан, сабаттуунун тунугунан Каракочкор туругунан чыккан машфур[2] шайыр (акын) Молдо Кылыч[3] 20 жылдан бери акындык менен көп казал жазып чыгарган эле. Кыраат китепчелерди басмакана ыраак болгондон эч бир бастыра албай кол менен жазып, тил менен сүйлөп журтка көрсөтчү эле биздин кыргыздан басмакананы көргөн бир (да) адам болбой турган эле. Биздин элде жүргөндө Молдо Кылычтын казалын эшитип бир аз көңүл көтөрүлүп, бул ааламда нелер бар экени көз алдыбызга келүүчү эле. Ойлочу элем: «Кап, сени! Кудай Таала бизди жарык дүйнөгө чыгарса[4] Кылычтын «Зар заманын» бастырсам, калкыма таратсам!» дечү элем хам да[5] балдарга алиппе окутуп, балдар маанисин билбей: «Молдоке, бул не деген сөз?» – деп сураганда, өзүбүз да маанисин билбей калгандыктан, не айтарды билмейинче, алда бегана[6] бир жооп берип, балдар күтүп жалгыз калганда көздөрүбүздөн жаш чыккан убактылар болгон эле. «Ата, өз тилибизде бал дар окурлук китеп бастырсак ай!..» – деп, мына бу жылдарда, иншалла[7], аздыр-көптүр Уфа (Медрес Галие де[8]) окуп жаткан кыргыз (казак) шакирттери8 ошол ойлорубузду чыгарууга киришкен эле. Молдо Кылыч биздин аракетти угуп, ушу «Кысса и зилзала» деген казалды жазып берип жиберген, көз менен көргөн окуя тарп[9] болуп калсын деп жазган экен.
Ишеналы АРАБАЕВ
[1] Чорнобай – черновой эки-їч кайталап жазбаган деген мааниде.
[2] Машфур (машкур-машур) – белгилїї, аты чыккан, даўкы таш жарган.
[3] 1911-жылы Казань шаарынан басылган Молдо Кылычтын «Кысса и зилзала» де ген китебине жазган Ишеналы Арабаевдин баш сєзї. Китеп татарча акцент менен басылган (Кээ бирєєлєр чагатай тилинде деп да айтышыптыр, ал натуура). Биз кыргыз тилине ылайыктап арап тамгасынан кєчїрдїк.
[4] Сабатыбыз ачылса, китеп бастырып чыгарууга, окууга мїмкїнчїлїгїбїз болсо деген маани.
[5] Хам да – жана да, ошондой эле.
[6] Башка бир нерселерди айтып деген мааниде.
[7] Иншалла – кудай буйруса, кудай кааласа.
[8] Уфа шаарындагы Галий медресеси. Анда кыргыз, казак жаштары да окуп билим алышкан. 8 Шакирт – студент.
[9] Тарп (тарпи) – белгилїї болуп калсын, айтылып калсын деген мааниде.
БАРПЫ
Барпы 1884-жылы Сузактын Ачы кыштагында жарыкка келген. Болочоктогу улуу ырчынын турмушта узун жолу ошол жерден башталган. Ата-теги түбүнөн эле кара таман кедейлерден болгондуктан, ал бактылуу балалыктын жыргал доорун сүрө алган жок. Сегиз жашынан ар кайсы байларга жалчы жүрүп, алардын малын багып, отунун алып, түрдүү жумуштарын аткарып, эптеп өлбөстүн күнүн өткөрөт. Теңсиз замандын кара таштай оор мүшкүлү балапан эти ката элек жаш баланы ийинден басат.
Анткен менен Барпынын тагдырына жалаң гана мээнет-шор бүтпөптүр, ага жаратылыш ченебегендей марттык менен ырчылык талант, тунук акыл да бериптир. Ал жашынан ырдап чыгат. Анын тубаса ырчылык шыгынын ойгонушуна атасы Алыкул Шамурза уулу өз таасирин тийгизген. Барпынын оозеки эл чыгармаларына ыкылас коюшу да, жергиликтүү ырчылардын чыгармалары менен алгач тааныштыгы да ошол киши аркылуу башталган.
Экинчи жагынан, жаштайынан оор тагдырга кирипт ер болуу, бир байдан кетсе экинчисинин колуна түшүп, эзилип иштеп, «Калмат бай Назарбайдан, ал Мадалы ажыдан айырмасыз» экендигин өз көзү менен көрүп, «бири күлсө, миңи ыйлаган акыйкатсыз заманда» жалпы эле жарды, жалчылар менен аралаш өскөнү Барпыны ак-караны эртерээк ажыратууга, турмушка сын көз менен мамиле кылууга үйрөтүп, таптык сезимин да эртерээк ойготкон. Мындай жагдай ырчынын чыгармачылыгы элдүүлүк багытта өнүгүшүн шарттаган. «Ак күмүштөн сом албайм, ак жибектен тон албайм, ар кимди барып бир мактап, ары жок ырчы боло албайм» деген эстетикалык кредосун аныктаган.
Барпынын эң алгачкы чыгармаларында муңкануу мотивдери өтө күчтүү. Алар көбүнесе өзүнүн оор тагдырына байланыштуу келип чыккан. Жаш ырчы байлардан көргөн кор дугун, ач-жылаңач азап тартып жүр г өнүн, укуксуз абалын ырдайт. Аздан-аздан ырчылык тажрыйбасы ашып, жашы өйдөлөп, аң-сезими өсө баштаган сайын анын чыгармаларынын тематикасы кеңейип, идеялык мазмуну да тереңдей баштайт.
Биротоло ырчылык өнөрү менен жашап, эл аралап, жер көрүп, турмуштук тажрыйба топтоп, алган идеялык багыты, тутунган принциби, личносттук сапаты, таптык теги боюнча ар түрдүү ырчылар менен айтышка түшүп жүрүп, Барпы өз талантын курчутуп, чеберчилигин арттырып, улам өсүп отурат. Анын үстүнө Ала-Тоонун ар кайсы жагынан эл сүрүлүп келген зор дубандарда кыргыздын кыйырына атагы кеткен жаактууга жай бербес ырчынын ырчылары гана жекеме-жекеге түшүп, мөрөй алып чыгышкан майда-барат жамакчылар андай жы йындын четине да баралган эмес. Демек, Барпыга тандамал чоң таланттар менен беттешүүгө туура келген (ал өмүрүндө алтымыштан ашуун ырчы менен айтышкан экен). Ошого жараша ар бир айтыштан алган сабагы да, төкмөлүк машыгуусу да чоң болгон. Анын маанисин Барпы өзү минтип айтат:
«Бир күнү Жеңижокко беткелиштим, Ырдашып нечен сөздү теңшериштим.
- * *
Токтогул: «Келгин» – деди сүйгөнүнөн Баланын акындыгын билгенинен.
- * *Калмырза менен кармаштым, Кадыр түн менен арбаштым. Кызыл тилди курчуттум, Кылоосуна албарстын».
Бул жерде сөз айтыш тууралуу башталып калган соң (азыркы айткандарыбызды логикалык жактан улап да), Барпынын бүтүндөй эле айтыш өнөрү жөнүндө жалпы жонунан болсо да, жок дегенде эки-үч сүйлөм менен мүнөздөй кетпесек, анын ырчылык талантынын барып турган күчтүү жактарынын бирин атайлап эстен чыгарып кеткендей сезилип калабыз. Негизинен, атактуу төкмөлөрдөн тартып, майда жамакчыларга чейин айтышып келген. Мындай алганда ыр чыгаргандын баары эле жалпы айтышка жарай алат. Албетте, талант даражасы, беттешип жаткан ырчынын чабал жактарын сергек байкап, аны талуу жеринен кармап, сөзгө жыга билүү жөндөмү боюнча алар ар түрдүү деңгээлде турат деңизчи. Бирок айтыш өнөрүнүн эң эле өркүндөп жеткен чеги, ырчынын ырчысы, акылдын акылы сыналчу жанрдын барып турган татаал түрү табышмактуу санат айтыш экендиги белгилүү. Мисалы, мындайча формага салып ырдоо (албетте, мазмуну да башка):
Жеңижок: «Өйдө өтөт бир дөбөт,
Ылдый өтөт бир дөбөт. | |
Эки дөбөт айрымын, | |
Акыл менен ким бөлөт?» | |
Барпы: | «Өйдө өткөн бир дөбөт, |
Шамал болот Жеңижок. | |
Ылдый өткөн бир дөбөт, | |
Амал болот Жеңижок. | |
Муну Барпы билбесе, | |
Жаман болот Жеңижок». |
Табышмактуу санат айтыш адамдын турмуш чындыгын аңдай-билүүдө топтогон билим тажрыйбасын, аңсезим жөндөмүнүн ийкемин, тапкыч ойчулдук санатын, түркүн жандуу-жансыз заттар менен кубулуштардын сырларын үйрөнүп, алардын бири-бири менен болгон жакындыктарын, айырмачылыктарын ажырата билүү артыкчылыгын, адамзат жыйнаган рухий байлыктардын түрлөрү менен канчалык даражада кабардар экендигин текшерип баалоонун бирден бир бийик критерийи болгон. Бул жанрды табиятынын ойчулдук жөндөмү бар, көп нерседен кабардар, айрыкча Чыгыштын философиялык ойлору, тарыхы менен түз же кыйыр тааныш (алар поэтикалык формаларда, санжыра түрүндө, кээде тарыхый же диний мүнөздөгү китептер аркылуу да жеткен), куйма кулак ырчылар гана өздөштүрө алган. Сабаттуулары өздөрү окуп, кат билбегендери окумал чөйрөгө туш келип калса, ошолордон угуп үйрөнгөн. Үйрөнүп эле тим болбостон, аларды өз тажрыйбасынан тапкан ойлору менен байытып, кайрадан ырга айлантып, иштеп чыккан. Мындай санатка кыргызда Чоңду, Эсенаман, Жеңижок, Токтогул сыяктуу аз гана сандагы ырчылар жетише алган.
Мына ушундай саналуу ырчылардын тобуна Барпы да кирет (ал бекеринен үч классиктин бири болуп калган жок да). Анын айтыш ырларынын башкы өзгөчөлүгү, айрыкча күчү ушул, биз белгилеп жаткан санаттарга эгедер экендигинде. Акындын тереңдиги, потенциялдык мүмкүнчүлүктөрү асыресе өздөрү да ошондой артыкчылык күчү бар, рухий багажы мол, чоң ырчылар менен беттешкенде бардык кыры менен ачылып көрүнгөн. Барпынын айтыш ырлары көп жактуу: ал айтыштын ар кандай түрлөрүн, формаларын колдонгон (теманын мазмунуна жараша), кордоо, алым сабак, санат жаатындагы айтыштардан тартып, табышмактуу айтыштарга чейин өнүкт үргөн. Жыйынтыктап айтканда, Барпы айтыш жанрынын эстетикалык принциптерин жаңылап, жаңы формалар, ыкмалар менен байытып, аны жаңы баскычка көтөргөндөрдүн бири. Буга ырчынын Токтогул, Жеңижок ж.б. менен болгон айтыштары эң сонун далил.
Барпынын атайылап бөлүп карай турган чыгармаларына атеизм темасында чыгарган ыр циклдери кирет. «Эмчилерге», «Сук молдо», «Сопу», «Мадалы ажыга», «Алдамчы эшен» ж.б. ырларында айткандары менен турмушта жасаган иштери карама-каршы, элдин башын айлантып, рухий жана социалдык эркиндигин басып турган дин өкүлдөрүнүн эки жүздүүлүгүн ашкерелеп, алардын таамай тартылган сатиралык портреттеринин бүтүндөй бир галереясын түзгөн. Мында «Киши өлүмүн пайлап, «дооранчы» десе торсоюп, «дамылдамын» деп жүрүп, элдин ичин булгаган «сук молдо» да, өзү «Көк чай деп мусалла (ичимдик) ичип», элге болсо «күйөсүң» деп тозокто, шариат сүйлөп, жанын жеп, кузгундай болуп куркулдаган» сопу да, «Макейи, Кава жеттим деп, Ташкенттен кайтып, элдин малын алдап, замзам суунун ордуна кудук суу ичирип, караңгы адамдарды тоногон жалганчы» ажы да, «олуямын азыр деп жар салып, калп айтып дам (дем) салган, төрөтөм деп аялдарды алдаган, карттарына жолобой жашыраагын тандаган» ичи бузук, ыпылас эшен да бар.
Мадалы ажынын «үйүндө үч жыл иштеп» жүрүп, анын тескери жорук-жосундарын, жалпы адамкерчиликтин жол-жобосуна сыйбаган бардык булганч иштерин өз көзү менен көрүп, билип калышы, Барпынын бүтүндөй эле дин өкүлдөрүнүн пардалап жашырып жүргөн таптык жүзүн болгон турпаты менен ачып көрсөтүп, алардын жийиркеничтүү турмушун ичкертен аңтарып, өтө таамай сүрөттөп беришине өзгөчө шарт, өзгөчө мүмкүндүк түзүүгө кыртыш болгон. Барпынын бул циклге жаткан ырларына материалды терең өздөштүрүү, сатиралык тилдин курчтугу, поэтикалык ойдун оригиналдуулугу, тематикага жекече мамиле кылуу, көркөм ыкманын жаңылыгы мүнөздүү.
Поэтикалык ойду айтуу формасын жаңылоонун, өзүнчө көркөм ыкма табуунун классикалык үлгүсү катары анын «Эмне бар бул жерде» аттуу ырын көрсөтүүгө болот. Чыгарма орозо тууралуу. Мындайча алганда, баарына тааныш эле тема. Би рок Барпы муну таптакыр ойго келбегендей жаңы формага салып ырдап, жаңыча чечмелеген. Мында орозо абстракттуу диний түшүнүк түрүндө эмес, ырчы менен мамиле түзүп турган кадыресе жандуу нерсе катары кабыл алынат. Жалпы ырчылар поэзиясында да, Барпынын өзүнүн атеисттик темадагы чыгармаларынын ичинде да бул ыр бардык жагынан айырмаланып турат. «Эмне бар бул жерде» кыргыз профессионал адабияты пайда болгонго чейин ушул темада каралган ырлардын туу чокусу. Мындай ырлар карапайым элдин мусулман динине каршы аң-сезимин ойготууда зор мааниге ээ болгон.
Барпынын поэзиясына көп жактуу маани, мазмундук тереңдик, өзгөчө көркөм күч киргизип, ырчынын фигурасын башка акындардын фонунда айырмалуу кылып көрсөтүп турган бир артыкчылык сапаты – анын философиялык ыр циклдеринде жатат. Конкреттүү көп ойчул акындын «Айт, айт десе», «Күн», «Аккан суу», «Шамал», «Ажал», «Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо», «Дүнүйө», «Санат», «От», «Адам» ж.б. шедеврлери жөнүндө баратат. Бул ырларда элдик философиянын өнүккөн деңгээли, материалисттик багытта дүйнө таанып-билүүсү, космологиялык ой-жүгүртүүлөрү топтолгон рационалдуу билим тажрыйбасы, жалпы эле коомдук ой-пикиринин келип жеткен алдыңкы чектери чагылдырылган.
Аталган темадагы ырлардын көпчүлүгү өздөрүнүн чыгыш теги боюнча элдик поэзияга таандык. Мындай чыгармалардын үлгүлөрү Барпыга чейин эле болгон. Ар кайсы ырчы өзүнүн түшүнүгүнө, көз карашына ылайыктап ар кайсы вариантта ырдашкан. Бир эле мисал: «Аккан суу» атам замандан бери эле ырдалып келген. Ал жөнүндө Жеңижок да, Токтогул да, Барпы да айтат. Жеңижок аны диний мааниде чечмелейт. Токтогул жаратылыштын бир көрүнүшү катары карайт. Ал эми Барпы болсо, аккан сууга башка мазмун, материалисттик негиз берет. Аккан сууну эч кандай «кудайдын кудуретисиз» эле «жаратылыш жараткан» ал «Жер эненин бир баласы». Тынымсыз кыймылда, материалдык дүйнөнүн башка бөлүк чөлөрү менен түбөлүк байланышта болуп алардын жашоосун шарттайт. Ошол эле учурда аккан суунун өзүнүн кыймылга келип, өмүр сүрүп турушун Жердин башка бөлүкчөлөрү менен Күн ж.б. шарттап турат.
Аалам сырларын чечмелөөдө ойчул акын ушул «Аккан сууда» берилген көз карашын андан кийинки «Шамал», «Күн», «От» аттуу ырларында дагы өнүктүрүп, дагы тереңдетет. Эң негизгиси – акын ааламдын кайсы бөлүгүн ырдаса да, анын сырларын туура таап, туура түшүндүрүп жаткандыгында.
Барпынын ой жүгүртүп чечмелөөсүндө Күн– Жердин өзүнөн баштап, адамга чейин, өсүмдүктөрдөн баштап, жамгыр, сууга чейин, бардык болгон жашоо-тиричиликтин өмүр сүрүү тагдыры Күндө. Жаратылыштагы ар кандай кубулуштардын болушу да, алардын бир абалдан экинчи абалга өтүп турушу да Күндөн. Күн – бүт ааламдын борбору. Ал түбөлүк кыймылда, өзү да түбөлүккө карыбайт. Бардык сыр түйүндөрүн ачып келип, анын ошондой улуу жана өлбөс болуп бүткөнүнө суктанып да, таңданып да, кайра өзүнө суроо да салып акын мындай дейт:
«Нур канатың талыкпай, Сапар тартып жүрөсүң Миң-миңдеген кылымга.
Айта келcек чынында,
Жалгыз өзүң күбөсүң
Замандар өттү, сен калдың,
Адамдар өттү, сен калдың, Үлбөстүккө ашкере Түркүксүңбү бир өзүң? Замандар өттү, сен калдың, Адамдар өттү, сен калдың. Өлбөстүккө ашкере,
Түркүксүңбү бир өзүң?».
Ушул чыгармасын жаратып жатып: «Күндү кошуп ырдаган, көр Барпы ырчы жаңылбайт» – деп айткан экен ойчул акын. Анын чындыгын бул күндө сын, адабият таануу гана эмес, философия жа на табигый илимдер (естественные науки) да далилдеп жатат. Жогоруда «Аккан суу», «Күн»» аттуу ырларга карата айтылган пикирлерди толук бойдон акындын «Шамал», «Ажал», «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо», «Айт, айт десе», «От», «Адам» сыяктуу чыгармаларына да ыйгарууга болот.
Барпы бул дүйнөнүн жаралышын, ар кандай кубулуштардын болуп турушун, алардын бир абалдан экинчи абалга өтүп, өзгөрүп келишин Алланын амири менен болгон иш катары карабайт. Ошондой эле бир тапты экинчи таптын эзиши да, бирөөдөн бирөөнүн артык болуп калышы да Кудайдын айтканы, пешенеге эмне жазса, пенде ошону көрөт деген түшүнүккө түп-тамырынан бери каршы турат. Акындын түшүнүгү боюнча бул дүйнөнүн, жашоо-тиричиликтин башталашы Жер, Суу, Шамал, Оттон турат. Булардын баары дайыма жана түбөлүктүү кыймыл-аракетте болуп, түбөлүк өмүр сүрүп, түбөлүк жашай берет. Бул дүйнөнүн борборуна ырчы «Аалам менен төрөлүп, аалам менен бирге өткөн» Адамды коёт. («Адам», «Айт, айт десе»…) Ал эми адам баарынан улуу, ал жаратуучу, түзүүчү:
«Айт, айт десе ааламды айт, Аалам алга кадамдайт. Ар түркүн өнөр чыгарган, Ааламдагы адамды айт».
Адам баарын пайдаланат: «Асмандан нурун чачып, бүткүл жашоо-тирикчиликти жүргүзүп турган Күн да, айкөл Жер да, өмүр азыгы Суу да, аягы жок, башы жок Шамал да, аруулуктан шам жаккан алоолонгон От да» киши кызматында болот, адам аларды өзүнүн жашоо ыңгайына, керектөөсүнө карата жумшайт, өмүр турмушун ошолор менен өткөрөт. Барпыга чейин бир да ырчы, бир да жазгыч акын адам темасын бул деңгээлге чейин көтөрө ырдай алган эмес. Анын улуулугунун бир белгиси ушунда турат.
Барпынын чыгармачылыгында махабат лирикасы өзгөчө орундардын бирин ээлейт. Сүйүү – Барпынын жалындаган ышкы кумары менен тереңге да, бийиктикке да эркин чабыттап, көңүл черин каалаганча жазып, бар акындык дараматын шаркыратып төгүп ырдаган ыры. Акын махабатты канчалык эргүү менен көкөлөтүп айткан сайын, махабат да аны башка ырчылардан ошончолук бөлүнтүп, бийиктете берген… Барпынын лирикалык каарманы сүйүүнү жаркыраган идеал тутуп, аны таза ниетиндей кастарлап жашаган адам. Ал сүйүүнүн жандуу үлгүсү. Чын жүрөгү, болгон кумар ышкы, бүткүл көңүлүндө алдейлеген асыл туюму, ыклас оту, жакшы тилеги менен сүйөт. Сүйөт деген сөз аздык кылат, ал махабат менен жашайт, махабат анын өмүр-тагдыры, ансыз анын күнү жок. Бирок сүйүү өз эркиндигин ала элек. Эки жаштын көңүл каа лоосу бир башка да, коомдук, социалдык мамилелер бир башка. Сүйгөн жигит жарды, жалчы жаатынан. Анын колунда адамкерчилик менен махабат ышкыдан башка эч кандай байлык да, бийлик да жок. Ошол себептүү анын ар кандай асыл максат, аруу тилегинин аягы арман, муң менен гана аяктайт. Ошондой улуу махабат, укмуштай оор мүшкүлдүн бир жолу да акыбети кайткан жок. Мына ушул ишке ашпаган тилектей болгон карама-каршылыктуу ой-максаттар менен ышкы-сезимдер акындын ашыглык ырларынын негизги пафосун түзөт. Аялзатынын асылзаадасын, ички жана сырткы сулуулугун, адеп-ахлак жактан өзгөчө бийик турган тазалыгын, жакшы адамкерчилик сапаттарын, улуу шарапатын көкөлөтүп ырдоо жагынан Барпынын алдына чыга турган кыргыз акынын табуу кыйын. Бул жерде ал Хафиздин катарында турат. Ар бир жолу, ар бир адамдын тагдырына кез келген махабат кандай жаңы, кандай таасирдүү болсо, анын сүйүү жөнүндөгү ырлары да дал ошондой жаңы боёкторго, жаңы салыштырууларга, жаңы формаларга ээ.
«Эки илабың – кызыл гүл Ачылгандай, Мөлмөлүм. Бир карасаң – жүрөккө от Чачылгандай, Мөлмөлүм. Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
…………………………………………
Же: Сейдана мончок жытыңдан, Секин баскан бутуңдан. Калемпир мончок жытыңдан, Кадам койгон бутуңдан.
………………………………………….
Же: Көзүм сүйсө – миң сулуу, Көңүл сүйдү – бир сулуу!
Көңүл сүйгөн – сен болдуң,
Көрүнөө ашык мен болдум».
Минтип ырдаш үчүн жалгыз талант аздык кылат. Ал үчүн чыныгы ашыглыктын от-жалынына түшүп, асмандаган улуу сезимдер менен жашап, өмүрдүн бул чындыгын өз башынан өткөрүп көрүш керек. Мына ушундай таза акыл менен ташыган тунук эмоциянын айкалышынан жаралган учкул саптар Барпынын махабат лирикасында өтө көп кездешет. Анын «Күлкыздар», «Мөлмөлүм», «Мырзайым», «Лөлүкан», «Буракжан», «Гөзөл кыз», «Карай көз», «Ак дилбар», «Тартип», «Дилварим», «Өзгөчөм», «Алтын», «Ак жылдыз», «Арзыкан», «Коноюн», «Ичтеги дартты айдасак», «Азада, дилбар кырчынжан», «Сизди көрдүм» ж.б. ашыглык ырлары акындар поэзиясындагы сүйүү лирикасынын жалпыга маалым классикалык үлгүлөрүнөн болуп эсептелет. Ал эми Барпынын айтуусундагы «Ак Саткын менен Кулмурза» дастаны махабат тууралуу улуу чыгарма гана болбостон, элдик чыгарманы мурда жолуктуруп көрбөгөндөй, идея лык көркөмдүк бийиктикке чейин көтөрүп, ага жаңы өмүр берүүнүн бирден бир мисалы.
Барпынын поэзиясы тематикалык жактан да, жанрдык жактан да, форма жактан да ар түрдүү. Ал элдик поэзиянын бардык үлгүлөрүн, бардык формаларын, көркөм ыкмаларын, туюнтуу менен эң чебер өздөш түргөн. Андан нары өнүктүрүп, жаңы баскычка көтөргөн, ага ачык образдуулук, пластикалуулук, түрдүү интонациялык угумдуулук берген, тилдин поэтикалык ийкемин арттырган, формага сыйымдуулук, мазмунга тереңдик киргизген. Ушул мааниде алганда, Барпынын чыгармачылыгы өзгөчө айырмаланып турат, абдан оригиналдуу, анын ырлары өзүнүн ички түзүлүшү, структуралык принциптери боюнча профессионал акындардын чыгармачылыгына өтө эле жакындап келет. Ички динамикалуулук, назик лиризм, күтүүсүз табылган ар түрдүү жана бай рифмалар, кубулган ыргактар, оригиналдуу табылган туюнтуу каражаттары, таң каларлыктай бай лексикасы, эң башкысы, ойлоо манерасынын өзүнчөлүгү – ушулардын баары өз ара тутумдашып келип, Барпынын өзүнө гана мүнөздүү, жеке өзүнө гана тиешелүү көркөм дүйнөсүн түзөт.
Ушул жерге келгенде Барпы кыргыздын башка ырчыларынан кадимкидей айырмаланып кетет. Мына ушул айырмачылыктын болушун шарттаган кандай факторлор бар. Кептин баары ошолорду аныктап ачып чыгууда турат. Барпынын көркөм дүйнөсүнө туура жол алып кирүүгө ачкыч ушундан табылат. Алардын чыныгы башатын таап, түпкүрдөн учугун түрүп келмейин, Барпынын көркөм ойлоо манерасындагы өзгөчөлүктү, анын ошондой калыптаныш себептерин ажыратып берүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Бирок бул маселе азырга чейин адабият таануу илимибизде да, сында да, акындын изилд өөчүлөрү тарабынан да, ал тууралуу чекене, бирди-жарым макала жазгандар тарабынан да коюла элек. Ал өзү аябагандай зор изилдөөнү талап кылат. Кантсе да аны чечпей турат, башка проблемаларды да чечүүгө болбойт. Барпы таануу боюнча кыргыз адабият таануу илими ушул туюкка келип такалып турат. Биз да бул макалада ал маселелерди конкреттүү иликтөөгө алып, ар бирин өз-өз жанына коюп, иштин сыр түйүндөрүн ар тараптан чечмелеп, жалпылап чыгуу милдетин мойнубузга артпайбыз. Бар болгону келечекте Барпы кайсы багытта изилдениш керек экендигин белгилеп, өзүбүздүн али илимий негизде такталып, иликтенбеген, анриордуу түрдө гана чыгарган жыйынтыкпикирлерибизди айта кетүү менен чектелмекчибиз. Анда коё турган маселелерибиз кайсылар бол мокчу?
Барпынын башка кыргыз ырчыларын изилдеп келе жаткан илимий схемага түшпөстүгү мында турат: биринчиден, ырчы өзүнүн көркөм аң-сезимине алгач поэ тикалык уютку алган жери ичкилик кыргыздардын элдик оозеки чыгармаларынын салттары, аларды уланткан жергиликтүү ырчылардын мектеби. Ал эми ичкилик кыргыздар тоолук кыргыздарга караганда башка элдер менен көбүрөөк чектеш, аралаш жашап, алардын рухий байлыктарын, көркөм салттарын өздөрүнө көбүрөөк сиңиришкен. Ошол карым-катнаш, өз ара таасирлердин натыйжасында алар көркөм салттардын өзүнчө бир айырмалуу жаңы синтезине ээ болгон. Жашаган географиялык чөйрөсү, мурдатан өткөрүп келаткан жашоо-тиричилик жагдайларынын бөтөнчөлүгү, жүргүзгөн чарба иштеринин айырмачылыгы (булар башта эле дыйканчылыкка өтүп, отурукташып калган) ушундай өзгөчөлүктү шарт тоого негиз түзгөн. Ичкилик кыргыздарда ашыглык ырлары укмуштуудай бийик өнүккөн. Аларда лиризм өтө күчтүү. Барпынын махабат лирикасы таптакыр жок жеринен пайда боло калган эмес. Ал элдик ырлардын уландысы да, санаттык жаңы баскычка көтөрүлгөн үлгүсү да. Анын башкы күчү ошол калк чыгармаларына таянып тургандыгында.
Барпынын поэзиясын сапаттык айырмачылык белгилер менен шарттаган экинчи бир фактор-себептерди Чыгыш маданиятынан издөө керек. Тагыраак айтканда, анын чыгармаларында Чыгыштын классикалык жазма адабияты менен философиялык ой-пикирлеринин салттарын өздөштүрүүдөн келип жаралган өзгөчө белгилер, түз же кыйыр байланыштардын издери бар. Буга айрым адабиятчылар таң калышы мүмкүн. Өзү сабатсыз болсо, көзү көрүп окуй албаса, анан кайдан жүрүп Чыгыш адабияты менен философиясына жакындасын де шээр. Бир караган адамга мунун жөнү бардай эле көрүнөт. Бирок иштин реалдуу жагдайы бизди эртедир-кечтир жогоруда айтылган чындык менен кездештирбей койбойт. Маселе, сөзсүз эле кайсы бир Чыгыш акынынын тигил же бул чыгармасын же кайсы бир даанышмандын философиялык паланча деп аталган трактатын түздөн-түз окуп, үйрөнүп чыкканында, ал жөнүндө фактылардын так келтирилишинде эмес. Сөзүбүздүн баш жагында эскерткендей, андай байланыштар бир элден экинчи элге ар кандай жолдор менен ар кандай формаларда келип кирген.
Биринчиси – Чыгыш акындары жараткан дастандар, даанышмандар берген трактаттар китеп түрүндө таркаган. Аларды кат-сабаттуу акындар окушуп, айрым сюжеттерин өздөрүнчө ырга айландырып айтып жүрүшкөн, кээ бир чыгармаларды бүт бойдон жаттап алып, ырдап келишкен. Философиялык трактаттарды поэзия аркылуу туюнтушкан. Чыгыштын тарыхы, санжырасы, даанышмандык ойпикирлери ал турсун диний мүнөздөгү китептер аркылуу да жетип турган.
Поэзиясынын табиятына караганда да, айрым конкреттүү маалыматтарга караганда да, Барпынын Чыгыш маданияты менен байланышы болгон, көбүн эсе кыйыр түрдө. Өзү аларды окубаса да, окуган, билген, айтып жүргөн ырчылардан, улама кишилерден угуп кабыл алган. Кээ бир маалыматтарга караганда Барпы кат-сабаттуу Чыгыш адабияты менен тааныш акындардын жаштайынан ырдашып жүргөн Т. Байзаковдун жазгандары боюнча, ал гана эмес илгерки араб, иран легендаларынын, айрым белгилүү тарыхый адамдар жөнүндөгү айтымдардын сюжеттерин өзүнчө ырга айлантып, эл алдында айтып да жүрчү экен (Ы.Борончиевдин берген маалыматт арына караганда). Калмурза менен айтышында да Чыгыш тарыхына, араб халифатынын атактуу адамдарына байланыштуу көп маселелерди, фактыларды биле тургандыгын көрсөткөн. Анын үстүнө Мадалы ажыныкында үч жыл жүргөндө Чыгыштын далай санжыра, тарыхын айтышып, маселе сүрүшүп, дастандарды окугандарын уккан болуу керек (алар жалаң гана диний китептерди окуу менен чектелбеси белгилүү). Мына ушулардын баары Барпынын чыгармаларына мазмундук жактан да, форма жактан да айырмалуу белгилер кийирип, өзгөчө поэтикалык колорит берген.
Үчүнчү маанилүү фактор. Башка кыргыз ырчыларынан болгон бир айырмасы, Барпы комуз черткен эмес экен. Башкача айтканда, ал ырларын комуздун коштоосу жок эле, бир түрдүү обонго салбай ырдаган. Бул жагдай анын ойлоо манерасына аздыр-көптүр таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондон улам анын ырлары түрдүү ыргак, түрдүү интонация менен түрдүү формага, түрдүү ыр өлчөмдөрүнө салынып аткарыла берген. Айрым чыгармалары обон менен песня сыяктуу эмес, кадимки речитатив түрүндө же стих өңдүү окулат. Мисалы, «Жетим», «Эмчилерге», «Төрайым менен Шекербек», «Мен көргөн күндөр», «Тору жоргом» ж.б. чыгармалары ушундай табиятка ээ. Кыргыздын элдик поэзиясына, калк ырчыларынын чыгармаларына негизинен 8–11 муун өлчөмүндөгү ыр түзүлүшү мүнөздүү. Ал эми Барпыда болсо 3–4; 7–8; 11 муун өлчөмүндөгү профессионал адабиятка мүнөздүү татаал ыр түзүлүштөрү кездешет. Мунун өзү анын поэзиясын форма жагынан кадимкидей өзгө чөлөнтүп турат.
Мына ушул белгилеп өткөн үч факторду ачып чыкмайын анын поэтикалык натурасынын калыптанышында Барпынын акындык индивидуалдуулугун да жакшылап ачып бере албайбыз. Албетте, булардан башка да кошумча өбөлгөлөр болгон. Ал комплекстүү мамилени, кененирээк планда, типологиялык-салыштырмалуу аспектиде изилденип, бийигирээк масштабдан карай турган жана өзү да бийигирээк масштабга чыга турган акын. Бул жагынан алганда, Барпы жалгыз гана кыргыз поэзиясында эмес, жалпы эле советтик чыгыш элдеринин адабиятында сейрек учураган кызык көрүнүш болмок. Эмки кеп ошол өзгөчөлүктү көрсөтүп бериште, ал сөзсүз зарыл…
Отузунчу жылдардын баш ченинде Барпы трагедияга кабылды, эки көзү тең таптакыр көрбөй калат. Мурдагыдай коомдук иштерге түздөн-түз кол кабыш кылып, активдүү аралашуу жагы оордойт. Бирок табиятынан духу күчтүү, рухий саламатчылыгы таза, келечекке ишеними бек, оптимист акынды мындай оор абал мөгдөтүп, жер өмгөктөтө алган жок. Ал өзүнүн сүйгөн элине, эркин заманына учкул канат, таасирдүү ырлары менен «сокур көзгө карабай, соо кишидей иштеп» ак кызмат өтөдү.
Согуш жылдарында Барпы бүткүл акындык талантын улуу жеңишке жумшады; элге кайрат берип, эрдикке үндөгөн, патриоттук сезимге жык эргиген ырларды чыгарды. Станцияга барып, армияга кетип жаткандарды ыры менен узатып, Улуу жеңиш аяктаганда аларды ыры менен тосуп алды. Согуштан кийинки чыгармалары жеңген элдин жаңы турмушуна, жаркын тагдырына, келечек ээлери – таалайлуу балдарга арналды.
Ырды «ак жаандай себелеген» улуу ойчул ырчы-акын 1949-жылы 9-ноябрда Фрунзе шаарында эл, жери менен түбөлүккө кош айтышкан. Орустун даңазалуу лириги Сергей Есенин: «Бетме-бет турганда улуунун улуулугу билинбейт, ал ыраактан даана көрүнөт» деген экен. Барпынын улуулугун өз заманында аны менен жүзмө-жүз тургандар да көрүшкөн, ал улуулук азыр ого бетер бий ик болуп таасын көрүнүүдө.
Улуу мураска учкай сөз айтылды. Бул томдук Барпы калтырган ырлардын негизги бөлүгү гана. Башкаларын толук бастырып чыгаруу, изилдөө, орус тилине котортуу иштери алдыда болот…
Кадыркул ДАУТОВ
КУЛМАТОВ А.
БОЛОТ ХАНДЫН БОРБОРДУК АЗИЯНЫН
ТАГДЫРЫН АНЫКТАГАН САЯСИЙ ЭРДИГИ
(Пулат-хан Исхак Асан уулу тууралуу очерк)
Орто Азиянын соңку тарыхында татаал шартта, опурталдуу кырдаалда өтө кызыктуу жана чечүүчү роль ойногон, ушул аймактын тагдырын аныктаган саясий, согуштук окуялардын негизги каармандарынын бири Болот хан. Чыныгы аты Искак Асан уулу. Болот хан орустар жазган тарыхнаамада Пулат хан деген ысым менен белгилүү. Бул жергиликтүү элдин ысымын, адам аттарын, географиялык аталыштарын, сөздөрүн тили келип турса да атайы бурмалап айтып көнүп алган шовинизмдин көрүнүшү. Искак Асан уулу аттуу тарыхый инсан 1844жылы Охна айылында туулган. Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Түндүгүнөн КатыраңТоо, чыгышынан Пурапим-Тоо, батышынан КатыраңБашы, Шиме-Тоо, түштүгүнөн Шыбалы-Тоо, Кардаган, Курсала тоолору менен чектешкен Охна өрөөнүнөн эки мыкты инсан – бири Искак Асан уулу Болот хан атанып, кыргыз уруу башчылары өз мамлекети кылгысы келген Кокон хандыгын ээлейм, ал аркылуу Ферганага таасир этем деп чоң жүрүшкө аттанса, экинчиси Абдыкадыр Орозбеков, кыргыз элине кызмат кылам деп кара жанын карч урган экен. Бири 29 жашында хан көтөрүлүп, кол жетектеп, эл башкарып, Кокон хандыгынын пайдубалында эркин мамлекет түптөйм деп кармашып, 32 жашында дарга асылат. Экинчиси 34 жашында, 1925жылы Кара Кыргыз автоном облусунун төрагалыгына шайланып, бир жылдан соң Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетин жетектейт, кийин репрессияланган мамлекеттик ишмер, жаңы доордогу кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайран муундун өкүлү.
Искак (Ицхак קחצי, башкача аталышы Исаак, иврит тилинде – жайдары) Асан уулу ичкилик уруусунун бостон уругунан. Адегенде атасы Асан молдо мударис болуп иштеген Кокондогу «Түнкатар», кийинчерээрк Мар галаңдагы «Ак медреседе» билим алган. Кийин ал бир аз убакыт бою имамдык кызматтарды аткарган. Искак өз заманынын билимдүү инсаны болгон. Тарыхый маалыматтарга ылайык, ал кездеги медреселелерде окутуу азыркыдай элементардуу диний билим, жаттама хадистер менен чектелген эмес. Араб тили, куран, ислам укугунан тышкары география, тарых, астрономия, арифметика, табият таануу билимдери окуткан. 10-12-кылымдар ислам мамлекеттеринде илим, билим, искусство, архитектура, адабият, поэзия, айтор маданияттын көп тармагы гүлдөгөн, Швейцариянын Базель университетинин профессору Адам Мец «Мусулман Ренессансы», «Ислам Ренессансы» деп таамай баасын берген жаркын доор. Ал кездеги ислам илимдин, билимдин, адабият менен искусствонун дүркүрөп өсүшүнө өбөлгө түзгөн цивилизация болуп, караңгылыктан, түркөйлүктөн алыс эле. 18-19-кылымдагы медреселер ошол «Ислам Ренессансы» убагындагы традицияга негизделип, билим берүүнүн мыкты үлгүлөрүн али жогото элек болчу. Алдыга сүрөгөн өмүр максаты бар, акылы курч, жигердүү, тайманбас, тынчы жок жигитти диний ишмердин каръерасы канааттандырбаса керек, 1867-жылы Искак окуусун таштап, Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына туугандарынын арасына келет. Элеттин жай чарбасына ичи чыкпаган, дилинде орошон окуяларды эңсеген, айлана-тегеректеги окуялардан кабары бар Искак Анжиян шаарына келип, бир аз туруп калат. Соода иши менен Ташкенге келип жүрүп, ал жерден Алымкул аталыктын үзөңгүлөшү, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдык Абдымомун аталык менен таанышып, анын ишенимине кирип калган кезде керт башынын жана хандыктын эле эмес, бүтүндөй региондун калкынын тагдырын чечкен окуяга туш болот, тарыхый миссияга баш байлайт.
Кокон хандыгы кыргыздар үчүн түрдүү мааниге ээ. Кай бир кезде Кокон хандыгы кыргыз элитасын канааттандырып келген, кээ бир учурда кыргыз урууларынын мүдөөлөрүнө жана максаттарына каршы хандык болгон. Фергана өрөөнүнүн тоолуу аймактарын жерлеген, Анжиян, Жизакты байырлаган, Алай тоо кыркаларын этегинде, Баткен, Лейлек, Ура-Төбө аймагында үстөмдүк кылган кыргыз уруулары теократиялык Бухара эмирлигине баш ийген монархиялык түзүлүш – Кокон хандыгына карата бир беткей мамиледе болгон эмес. 1709-жылы көчмөн уруулардын колдоосу менен уюшулган, алгачкы хандары Султан Бабырдын тукмумдары болгон Кокон хандыгын кыргыз уруу башчылары каалагандай калчап, хандарды, бектерди улам алмаштырып, факт жүзүндө бийлик жүргүзгөн. Улам бир уруу башчысы, удулу келгенде өзүнө жакпаган ханды ордодон кууп чыгып, ордуна миң тукумунан, хан тукумунан хан шайлап, өзүн аталык жарыялап, чыныгы бийликти өзү жүргүзгөн. Алымкул аталык, Мусулманкул аталык, Нүзүп аталык ж.б. мисалы буга далил. Албетте, хандык толугу менен кыргыз урууларынын баарынын кызыкчылыктарына жооп берген эмес. Кыргыз элинин айрым уруу башчылары Кокон хандыгын мамлекеттүүлүктүн формасы катары, башкача айтканда, өз алдынча мамлекет тууралуу түбөлүк идеясын канааттандыруунун учурдагы жолу катары эсептеп, бирде колдоп, бирде касташып, бирде ээлеп алып, бирде жолобой, кыскасы түркүн мамиледе болуп келген.
Түштүктү жердеген кыргыздардын, Ферган өрөөнүндөгү кыпчак урууларынын жана башка этникалык топтордун Кокон хандыгына каршы аралаш күрөшү орус тарыхнаамасында Кокон көтөрүлүшү деген ат менен белгилүү. Маселени ар тараптуу өңүттөн карашыбыз керек.
Биринчиден, 18-кылымдын 60-жылдарынын аягында жана 70-жылдарынын башында Кокон хандыгынын калкы, анын ичинде ошол аймактагы кыргыздар катуу каржалып, хандыктын жүргүзгөн саясатына ачык нааразычылык күчөп, эл толкуган. Ага удаа улам кулачын жайган жана Борбордук Азиядагы таасирин арттырууга умтулуусу күч орус империясы Кокон хандыгына үстөмдүк кылгысы келип, аны көз каранды огожо хандыкка айланткан. Эзүүгө чыдабаган эл чирип бараткан Кокон хандыгына каршы көтөрүлүп, куралдуу кармаш хандыктын улам бир аймагына жайылат. 1873-жылы башталга көтөрүлүш бир эле убакта дүрт эте жалындаган эмес. Ага чейин эле, 1871жылы жазында Сох аймагын жердеген кыргыздар баш кө төрүп, Кудаяр ханга каршы аттанган. Бул кыймылга Алай кыргыздары да кошулат. 1873-жылы Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүштүн масштабы кеңейип, саясий мүнөзгө ээ болот. Бул бир чети көтөрүлүш.
Экинчи жактан Кокон хандыгына биротоло ээлик кылуу үчүн саясий күрөш. Бул саясий күрөш согуштук аракеттер менен коштолот. Орус империясы үчүн орусиянын курал-жарагынан жана колдоосунан көз каранды хандыктагы номиналдуу ханга каршы ар кандай аракет көтөрүлүш деп эсептелинген. Орус империясы мындай аракеттерге албетте кескин каршы болгон. Орусиянын вассалы, көз каранды хандыкты кармап туруу, Кудаяр болобу, башкасы болобу, айтор, кыңк этпей баш ийген, айтканын чыкпаган ханды колдоо орус падышачылыгынын мүдөөсүнө дал келген. Ошондой күн карама ханга каршы аракеттер орусияны чочулаткан. Айтканын чыкпаган Кудаяр ханды колдогон орус бийлиги ага каршы чыккан ар кандай күчтөрдү жана инсандарды жек көргөн. Эзелки атаандаштары, Англия же башкасы тарабынан колдоо таап, пайдаланып кетеби деп чочулаган.
Ошентип советтик, андан кийинки кыргыз тарыхнаамасында улуттук-боштондук көтөрүлүш эки этаптан жана бир нече мезгилдерден турат деп аныкталган. Биринчи этапта (1873–1874-жылдары) көтөрүлүшчүлөр Кудаяр хандын эзүүсүнө каршы чыкса, экинчи этапта (1874-1876-жылдары) аны колдогон орус падышачылыгына каршы күрөшөт. Биринчи этапта масштабы чектелүү болсо, экинчи этапта кеңири кулач жаят.
Дал ошол 1873-жылы куралдуу күрөшкө кыргыздардын Түштүктөгү дээрлик баардык уруулары кошула баштайт. Эми ушул күчтү ким башкарып, ким кол баштайт? Кокон хандыгына ээлик кылуу үчүн күрөштү жетектеген уруу башчылары, ар кимиси ордодо да, эл ичинде да таасири бар күчтөр туу кыла турган хан, жол баштагыдай, кол баштагыдай мураскер издешет. Ал кездеги Кокон хандыгы сыяктуу монархиялык мамлекеттерде бийликти мурастап калуу ошол хандыкка акысы бар тукумдун өкүлүнө гана буюрган. Ансыз де-юре легитимсиз болгон. 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Болот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самаркандагы Болот бекке барышкан, бирок ал баш тарткан. Абдымомун аталык, Шер датка сыяктуу кыргыз мыктылары улам бир хан тукумун байкап көрүп, биринен да майнап чыкпаган соң тышкы кебетеси Алым хандын небереси Болот ханга түспөлдөш, көзүндө оту бар жигит Ыскак Асан уулуна токтошот. Тагдырдын буйругу менен дал ошол маалда, ошол жерде, Абдымомун аталыктын үйүндө Ыскак Асан уулунун болуп калышы, сырткы түспөлүнүн окшоштугу кызык нерсе. Кокустуктар, түспөлдөштөр көп эле болот, бирок ар кимдин маңдайына мындай окуялар жазылбаса керек. Атактуу ойчул Хосе Ортега-и-Гассеттин жазганы бар – «Во всякую эпоху совершаются тысячи непредвиденных случайностей, но сама эпоха не случайна, она устойчивой и недвусмысленной внутренней связанностью. Так же как и в случае индивидуальных судеб:никто не знает, что с ним случится завтра, но известны его характер, стремления, энергия, тем самым стиль его реагирования на эти случайности. Каждая жизнь вращается по своей нормальной предустановленной орбите, случай привносит в нее возмущения и отклонения не искажая ее по существу» (Что такое философия? М.1191, 8-б). Добавим лишь, что любая случайность в судьбе человека – это сумма событий, внутренней интенции и жизнеустремлений человека. Молдо Асандын уулу Искак тарыхый аренага ушундай кыйчалыш кезде чыгат. Абдымомун аталыктын үйүндө Шер датка баштаган кыргыз башчыларына жолугушуусу, анда макулдашылган маселелер, кимисинен демилге чыккандыгы, кимиси кандай шартта кандай мүдөө көздөгөнү жазма булактарда толук эмес, учкай баяндалат. Н.Корытов «Самозванец Пулат-хан. Исторические заметки» деген 1902-жылы жазган макаласында жана Х.Н. Бабабековдун изилдөөсүндө «Аксаб ас-салатин ва таварих и ал-хаванин» аттуу кол жазмада Ысак Асан уулунун кыргыз журт башчылары менен жолугушуусу, алардын кантип хан издегендиги сүрөттөлгөн. Автору Кокон хандыгында ордо кызматкери, расмий тарыхчы сы болгон «Аксаб ас-салатин ва таварих и ал-Хаванин» кол жазмасында Шер датка менен кошо көтөрүлүшкө туу боло турган ханзааданы издеген топтун ичинде кыргызкыпчак уруусунун белдүү башчысы Мусулманкул да эскерилет. Айтылуу топ Самаркандагы Ибрагим бектин уулу, Алим хандын небереси Пулад бектен майнап чыкпаган соң, Үргөнчкө барып, Мадали хандын уулу Музаффарга да кайрылышат. Элеттиктер, кыргыз, кыпчак уруулары колдойт, хан кылабыз деген сунуштан ал да баш тарткан. Хандыкты ким эңсебейт. Бирок да мыйзамдуу мураскер болуп туруп, колдоого таянып хан болуудан эки ханзаада баш тарткан опурталдуу ишке ошол миссиянын түпкү максатын түшүнгөн, тарыхый роль ойноого жарактуу, үмүт тилеги эле эмес, аны ишке ашырууга жүрөгүндө оту бар, тобокелге баш байлаган инсан гана бара алмак. Ашынган авантюрист болсо да хан шайланган соң биринчи эле соккуда жалтайлап, кайра артка чегинмек. Тарыхый ошол жолугушууну залкар жазуучу, кыргыз тарыхый романистикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөгөн Касымбеков «Сынган Кылыч» китебинде келиштире сүрөттөгөн. Кеп удулу келгенде айтып калалы, ошол жолугушуудан тартып, Болот хан өлгөнгө чейинки тарыхый окуялардын негизинде мыкты кино жана документал тасма тартылса, көркөм чыгарма жазылса, куп жарашмак, атаганат. Балким жаралаар андай чыгарма.
Ошентип 29 жаштагы кыргыз жигит Кокондун ханы аталат, 1873-жылы Аксы өрөөнүндөгү Сейит-Буланда куттук-сейит, найман, кытай, кыргыз-кыпчак, саруу, баргы ж.б. уруулардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ак кийизге көтөрүлүп, хан шайланат. Козголоңчулар көздөгөндөй желек болуп желбирейт. Ар кайсы уруулардан куралган, чачкын колду башкарат.
Адегенде Болот хан (Искак Молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчиликти колуна алат. Чаткалга жакын жайгашкан Алабука, Актаң, Нанай, КөкЖар, Мамай, Сейит-Булан ж.б. айылдардагы эл – көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү болгон карапайым калк – кыргыз, өзбек, кыпчак, тажиктер Болот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан.
Албетте, хан тагынын мыйзамдуу мурасчысынын пайда болушу калайык-калкты бир заматта туташ ойготуп, анын айланасына бириктирди. Бирок Болот хан аны бийликке алып келгендердин колундагы айдама, огожо хан болгондо же кашайып, ач көз көрпенде болгондо эл дароо байкамак, анын легитимдүүлүгүнө шек жаралып, элдин колдоосуна ээ болмок эмес, туу болмок тургай, бийликти узурпациялап алган жалганчы катары көчмөн эл ичинде кадыры жок, кунарсыз пенде эсептелинмек, шакабага айланмак, азыркыга чейин укум-тукуму кепке калмак. Демек баркы жок хан аталган ашкебиге моюн толгогондор акыры башын жутмак. Бирок Болот хан 3 жыл катары менен Кокон хандыгынын мыйзамдуу ханындай аракет кылып, көтөрүлүштүн демин суутпай, элге ишеним, үмүт берген. 3 жыл бою созулган көтөрүлүшкө Фергана калкынын бир тобу, Алай, Аксы, Эки-Суу арасы (азыркы Анжиян облусу), Чаткал, Баткен, Лейлек, Сузак, КетменТөбө, Базар-Коргон өрөөндөрүнүн эли, Анжияндын калкы катышкан. Окумуштуу тарыхчы К. Усенбаев таянган документал маалыматтарга ылайык, Болот хандын желеги астында көтөрүлүшкө мундуз, кушчу, отуз-уул, төөлөс, жоо-кесек, найман, кызыл-аяк, нойгут, кыргыз-кыпчак, адыгене, актачы, бөрү, баргы жана башка сыяктуу кырктан ашык уруудан жүз миңдеген киши катышкан. Кокон хандыгындагы элдик көтөрүлүштү изилдеген дагы бир белгилүү окумуштуу Х.Н. Бабабеков 1871-жылы башталган, 1873-жылдан тартып Болот хан жетектеген көтөрүлүштүн негизги күчү көчмөн эл болгонун, отурукташкан калк ыңгайлуу учурду күтүп, эгер ийгилик көтөрүлүшчүлөр тарапка оосо, ошолорго кошулуп кетүү максатында аярлап, анча активдүү болбогонун белгилеген. Бул көтөрүлүшкө 100 миңден ашык киши колуна курал кармап катышкан, жан аябай эки кабат душман менен салгылашкан. Бир жагынан эски Кокон сарбаздары, экинчи жактан улам жиреп, улам бир аймакты басып кирип келе жаткан орус аскерлери. Болот хан Кокон хандыгынын тарыхында башка атты жамынып чыккан биринчи жана акыркы хан. Болот хан Кокон хандыгынын тарыхында элдик көтөрүлүштү жетектеген, көтөрүлүш аркылуу бийликке келген биринчи жана акыркы хан. Ошол Болот ханды акыры жок кылган орус империясынын тарыхында Лжедмитирий деген падыша болгон. Бирок анын бийлиги өтө кыска болгон. Монархиялык режимдерде, падышалыктарда, королдуктарда хан тукуму эмес, хандын, королдун, падышанын үй-бүлөсүнө жакын инсандар кээде падыша болгон учурлар бар. Хан тукумуна такыр тиешеси жок, бирок мамлекети болууга тарыхый акысы бар элдин карапайым кулуну хан аталып, шайланып, чыныгы хандыкты узак убакыт бою жүргүзгөн, кубаттуу орус империясын аны менен эсептешүүгө, акыл калчап ойлонтууга, аскер жумшап кармашууга, ушундай эл бар экен, эске алыш керек деп жыйынтык чыгарууга себеп болгон. Бийликке аралаш топтордун жана күчтөрдүн жардамына караганда, элдин колдоосуна ээ болгон, элге таянган биринчи жана акыркы башкаруучу. Эгер билимсиз, эрксиз, жүрөксүз, акылсыз ашкеби болгондо, Болот хан болуп аталууга, опурталдуу иштин башында турууга, жол баштоого даамак эмес. Номиналдуу хан эмес, реалдуу жол башчы, кол башчы, журт башы болууга интеллектуалдык, моралдык, психологиялык дарамети жеткен үчүн окуялардын негизги фигурасына, канетсе да казынасы, чеби, аскери бар, мыйзамдуу хандыкка каршы, аны колдогон арааны күч империяга каршы тура алды. Айласын кетирди. Башын оорутту.
Буга чейин Ош, Анжиян сыяктуу ири шаарларды ээлеп алган Болот хандын колу 1875-жылы Коконго кирген. Мындай болоорун орус империясы Болот хандын күрөшү күчөй баштаганда эле болжогон. 1874-жылы генерал-лейтенант Колпаковский согуш министрине жазат: «В случае возобновления восстания, могущего быть причиной бегства или даже смерти Худояр-хана, мне кажется, все старания наши должны быть направлены к обеспечению наследствия за сыном хана Наср-этдин беком, человеком вполне преданным нашим интересам и хорошо понимающим интересы ханства; без сомнений нельзя ручаться, что при народном восстании не будет избрано другое лицо, которое неисполнением договора может вызвать с нашей стороны понудительные меры и вооруженного вмешательства.» Көтөрүлүштүн жүрүшүндө Болот хандын аскерлери бирде жеңип, бирде жеңилип отуруп, акыры мыкты куралданган, такшалган, саны жагынан да арбын, Орто Азияны ээлеп алууга мотивациясы күч орус аскерлеринин соккусунан улам кыйрап, өзү колго түшөт. Албетте, ушунча чоң аймактагы көп кол катышкан көтөрүлүштүн ар кайсы очогунда таланттуу, Болот хандын туусу астында, бирок өз бетинче аракеттенген жетекчилери да болгон. Мисалы Мамыр мерген Көк-Арттан тартып Таластын Капкасына чейинки аймакта баштаган куралдуу кармаш жүргүзгөн. Болот хан жетектеген колдун кашкөйлүгү тууралуу орус падыша өкмөтүнүн статс-кеңешчиси Г. Вайнберг 1874-жылы 29-декабрда Түркстан генерал-губернаторуна «Көтөрүлүшчүлөрдүн аракеттери хандын ахыбалын биротоло начарлатты. Талкаланган, бирок жеңилбеген көтөрүлүшчүлөр Кудаяр-ханды биротоло жоготуудан, хандыкты ээлеп алуудан үмүт үзүшкөн жок». Ошентип, атасы Кудаяр хандын мыйзамдуу мурасчысы болуп саналган Насреддинбек 1868-жылы Кокондун Россия менен түзгөн макулдашуусунан пайдаланып, Болот хан Коконду ээлеп алганда россиялык аскерлерге баш калкалап кире качкан. Мындай кырдаалды пайдаланып Россия Кокон хандыгынын аймагына өз аскерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган, алар козголоңчуларга чабуулун дароо жана ар тараптан баштаган. Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн чечүүчү этабында 1875-ж. июль айында Россия империясынын өкмөтү Болот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. Генерал М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлери күчү менен көтөрүлүш аеосуз басылып, орус императору Александр II жарлыгы менен Кокон хандыгы жоюлуп, Туркестан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Болот хан 19-февраль күнү генерал Скобелевдин буйругу менен артынан сая түшкөн Барон Меллер-Закомельскийдин отрядынын колуна чыккынчылардын жардамы аркылуу түшүрүлгөнүн генерал Колпаковский борбордук аскер штабына кабарлайт.
Тирүү турса, элге алынып, ишенимге ээ болуп, туудай желбиреген, канетсе да хан аты бар кыргыз кол башчысын узакка кармоодон чочуган орус бийлиги андан кутулууга шашкан. Болот хан жана анын ошол кезде жанындагы үзөңгүлөштөрү аскер сотунун өкүмү менен Жаңы Маргалаң шаарында 1876-ж 1-мартта дарга асылган. Дар орнотулган аянтта эл кылкылдап батпай кеткен. Көпчүлүк буркурап ыйлаганын орус аскер кызматкерлери генералдык штабга маалымдашкан, айрымдары кийин эскеришкен. Удулу келгенде кыстара кетели, Кудаяр хандын тушундагы акын Кутби Болот хандын эрдигин даңазалаган ыры бар экенин тарыхчы А.Х. Абдугафаров, жазганы бар.
Эми Болот хандын саясий эрдиги эмнеде?
Биринчиден, канчалык опурталдуу болсо да тарыхый миссияны туура түшүнүп, ошону аткарууга башын байлап, өзүнө жүктөлгөн озуйпаны аткарышы. Болот хан Искак Асан уулу тарыхый аренага чыгышын кокустук деп эсептешет. Туура. Анын хан тактысына мураскор издеген мыктылар менен жолугушуусу балким кокусунан болгондур. Бирок өз алдынча мамлекет куруу, эркиндик, азаттык идеясы кыргыз элинин улуттук идеясы. Өз алдынча, эркин мамлекет курууга тарыхый акысы бар элдин уруу башчылары Кокон хандыгын мамлекеттүүлүктүн формасы катары эсептеп, ошону пайдалануу аркылуу тарыхый амбициясын ишке ашырууну көздөгөн. Бир мезгилде кең аймакты ээлеген дөөлөттүн – Улуу каганаттын эгеси болгон өз элинин тарыхын, элет тарбиясын көргөн, кыргыз нарк-насилин, аруу салттарын, кымбат кыялын, эзелки үмүтүн жакшы билген, эркиндик үчүн күрөшкөн инсандардын мисалында чоңойгон, өз доорунун билимдүү инсаны, кашкөй жигиттин кыйчалыш учурда тарыхый аренага суурулуп чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Искак болбосо башкасы деле туу болмок, анткени катуудан казаны, жумшактан күлү калганча кырылган учурларда да кыргыз эли ыңгайы келген сайын мамлекеттүүлүк үчүн түркүн формада, ар кайсы аймакта, ар кандай жол менен күрөшүн токтоткон эмес.
Ошол Болот ханды жок кылган, ал дарга асылгандан кийин да күрөшүн токтопогон Алымбек датканын уулу кайран Абдылдабектин артынан түшкөн орус генералдары «киргизы – это главное препятстствие в пути нашего продвижения в сердце Азии. Чинимые ими события показали, что киргизы самый непокорный и беспокойный элемент во всей Азии. Их преводители же являются весьма отчаянными людьми» деп белгилеген.
Экинчиден, Искак Асан уулу көтөрүлүштү хан катары жетектөө менен анын асабасы, туусу болуп, элдин демине дем кошкон, башын бириктирген. Опурталдуу иш экенин билип туруп, тобокелчилик кылып, эл мүдөөсү үчүн көтөрүлүштү башкарууга бел байлап, акырына чейин кармашуу чанда гана мыкты чыкманын колунан келе турган иш. Эрдик. Авантюризм эмес. Эгер бийликке умтулган, Кокон ордосунун жыргалчылыгын көксөгөн бейчеки авантюрист, маңдайы тайкы киши болгондо биринчи эле кармашта оюнан кайтмак, оюндан чыга качмак. Же аны бийликке алып келген, улам бир ханды алмаштырууга кудурети жеткен уруу башчылары, болгусу келгендер тез эле көзүн тазаламак. Менменсинген хандарды сүрүлүп келип, бат эле алмаштыра койчу күчтөр бирөөнүн атын жамынып, хан атанган кишиден тез эле кутулушмак. Демек Болот хан тарыхый муктаждык, көтөрүлүштүн чыныгы туусу, анын шыктандыруучусу жана легитимдүү жетекчиси. Болот хан 3 жыл бою хан аталып, күрөш жүргүздү. Бир эмес эки жоо – Кокон ордосунун сарбаздары жана эң кубаттуу империяга айланып бараткан, Азияны ээлесем деген көксөөсү күч орус падышачылыгын мыкты куралданган, такшалган армиясы менен удаа кармашты. 3 жыл эмне. Роберт Рождественский ырында айткандай тарыхта көз ирмемге да жетпейт:
У каждого мгновенья свой резон, Свои колокола, своя отметина.
Мгновенья раздают кому позор,
Кому бесславие, а кому бессмертие!
Анын сыңары 3 жыл ичинде эмнеден баштап, кандай иш кылып, эмне менен аяктады, кайран киши. Бүтүндөй региондун тарыхына таасир этти. Тарыхый инсандар бир-эки окуя менен из калтырат. Калганы бейчеки, катардагы турмуш, күнүмдүк аракеттер. Кайгы-муңу, бактысы-шору аралаш, караламан турмуш. Туулат, өмүр кечирет. Болду. Бирөөлөр өмүр бою иштейт, балким жогорку кызматта жүрөт, мартабалуу мансапка жетет, бирок эмгеги болгону менен эрдигинен дайын жок – өмүр баян гана калат. Бирөөлөр аз гана убакыт кызмат кылат, бирок миңдеген адам кылбаганды, кылымга тете иш кылат. Ошонусу менен тарыхый инсан. Нечен жылдап тактыны ээлеп же жогорку кызматтарда отургандардын көбүнүн кимисинин кайсы эрдиги, кандай изги эмгеги эсибизде. Кимиси не жай турмушта, не кыйчалыш учурда журтка журт каалаган кызматын кылды, кимиси эл көксөгөн мүдөөсүн аткарды. Караламан оокатын ар ким кыла алат, колунан келет. Бирок ар бир адамдын аткара турган озуйпасы, журт алдында милдети болот.
Үчүнчүдөн, элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Кокон хандыгы кыйрап, орус империясына каратылды. Бирок ушул көтөрүлүш, андагы кыргыздардын чечүүчү ролу жана Болот хандын күрөшү Россия империясын кыргыздарды артта калган хандыктын вассалы, аборигендердин массасы эмес, өз алдынча күч катары эсептешүүгө мажбурлады. Эми орус падышачылыгы ушул аймакка ээлик кылуу үчүн кыргыздар терең билүүгө, аны менен эсептешүүгө, өзүнө тартууга, жакындатууга, достошууга же такыр болбосо касташып, биротоло жок кылууга зарыл байыркы улут, чоң күч экенине көзү жеткен. Болот хандын күрөшү орус падышачылыгы түзүлө электен алда канча мурда кубаттуу мамлекети бар, маданияты бар, мамлекеттик үчүн күрөштө эч нерседен жалтанбаган кыргыздардын ушул аймакка ээлик кылууга тарыхый акысы жетиштүү эл экенине ынандырган.
Искак Асан уулу Болот хандын аз убакыт ичинде ишмердүүлүгү, бүтүндөй аймактын тагдыры чечилген учурда кылган кызматы биз сабак алып, кадырына жете турган саясий эрдиктин дагы бир үлгүсү.