КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
6-ТОМ
Тарыхый булактар
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Томдукта кыргыз элинин сан жырасы, элдик билимдери, каада-салттары, диний ишенимдери, аңыз сөздөрү жана философиялык ой-жүгүр түүлөрү сыяктуу жаңы материалдар сунуш кылынды. Берилген материалдардын көпчүлүгү мекенибизден сырткары жашаган боордошторубуздун топтогон маалыматтарынын негизинде алынды.
САНЖЫРА, МУРАС, САЛТ, ЭЛДИК БИЛИМДЕР ЖАНА РУХИЙ МАДАНИЯТЫ
АДЫЛ ЖУМАТУРДУ
ТОКТОБҮБҮ ЫЗАК
ЗАЛКАР МАНАСЧЫ – ЖУСУП МАМАЙ
Жер жүзүндөгү фольклор казынасында чолпондой балбылдап, кыргыз элин руху жактан уютуп, улуттун кадыр-баркын элге таанытып келүүсүнө түрткү болгон эбегейсиз зор күч кыргыз элинде орун алган. Ал болсо кыргыздын ыйыгы, аздектеген сыймыгы – «Манас».
«Манас» кылымдан-кылымга чейин кыргыз эли ичинде жашап келип, урпак манасчыларынын мурас этүүсүндө кунун жоготпой, кулпурган өңүндө дагы да күчүнө толуп, биздин ушул күнгө уланып келди. Улуттук жөрөлгөнү сактап, аны кайра элге жалгаштуу улап келгендер аз сандагы белгилүү адамдар болуп келген. Бул адамдардын улуттук маданиятына кошкон салымы аябай салмактуу болгондуктан, алардын асыл эмгектери ал жагынан бааланып, элдин дилинде, жакынкы доор улуттук маданият тарыхынын беттеринде жазылып келген. Манасчы болуу оңой-олтоң колдон келе берчү өнөр болгон эмес. «Манас» манасчыны өзү тандап чыккан. «Манас» – кыргыз улуттук маданиятынын даңкы – эң бийиктик, «Кыргыз рухунун туу чокусу» болгон.
«Манас» ооздон жаралып, ооз аркылуу урпактанурпакка таралып, ушул ХХ кылымда да залкар манасчылары менен жашап турат. «Манас» бар жерде канча урпак манасчылардын аты-жөнү аталып келди. «Манас» таланттуудан таланттууну, өнөрлүүдөн өнөрлүүнү тандап таап орун алган. Ошол үчүн манасчынын эл ичиндеги атак-урматы, анын кыргыз тарыхындагы алган орду жогору турат. Ушу XX кылым «Манас» эпосу үчүн, манасчылар үчүн, ар бир кыргыз урпагы үчүн эң маанилүү бир кылым болуп саналат. Ушул кылымда бир топ залкар манасчылардын «Манас» варианты кол жазмага түшүрүлдү. Ошол манасчылардын өнөрүн үйрөнгөн Жусуп Мамайдай алп манасчы биз менен замандаш жашап, ошолор айтып келген «Манастын» түпкүлүгү бузулбай, Жусуп Мамай вариантынын башаты болуп калды. Демек, бир канча залкар манасчынын вариантынан үйүп, калыптанып, тапталып чыккан «Манастын» көлөмдүү болгон сегиз урпак, 18 томдуу нускасы ушул Жусуп Мамайдан табылып, басмадан чыкты.
Жусуптун манасчылык чөйрөсү
Тээ илгертеден эле кыргыздарда манасчылык, жомокчулук, санжырачылыктын табигый көз жарылган булактары болгон. Манасчылык – «Манас» жагынан тандалып, такшалып чыккан адамга гана өнөр болуп келди. «Манас» кыргыз эли орток жараткан руху байлык кайнары болсо, манасчы ошол кайнардын мурасчысы жана урпактарга таратып келген манасчылык өнөрдүн мугалими болгон. Кыргыз эли ушундай адамдарга гана «манасчы» деген ыйык наамды ыйгарып келишкен.
Теңир-тоолук кыргыздарда байыртадан манасчылык өнөр өнүгүп, ары кийинкилерге жалгашып, өз изи боюнча жол салып келген. «Манас» эпосуна байланыштуу элдик уламыштар эл ичинде кеңири тараган. Бул уламыштар ушул күндө бар болгон жандуу аракеттер негизинде эл жагынан ырасталып келет. Мисал келтирип айтсак, Какшаалдын башкы жагы Тешикчаптын «Көлөкө журт» деген жеринде, «Бакайдын тереги» деп аталган укмуштуу талдуу мазар бар. Баткалаш касаба зоонун бооруна өскөн карыган чоң тал жол салынганда жолго туура келип калгандыктан, дары менен жардырып, кескилетип жолдун астына басылган. Ошондо жол жасаган көп аскерден 20га жакыны таш басып өлгөн. Жергиликтүү эл мал союп атап, тобо кылган соң өлүм-житим токтогон. Теректин кесилген, үзүлгөн жеринен кан жана сүт агып турган. Ушу күндө жылдызы кайра көктөп, чоң дарак болуп кайра өнгөн. Талдын жанында жана туура маңдайында булоолонгон булак бар. Эл бул жерге сыйынып келген. Какшаалдын Сарыбээ деген жеринде «Аккуланын чидер ташы» деп айтылган үйдөй үч таш орун алган. Көл жагындагы эки таштын аралыгы 150 метр келсе, көлдүн бүт жагына чейин 300 метрче келет. Таштын айланасы чий менен курчалып, карааны алыстан дапдаана көрүнүп, какыр сайда жатат. Какшаал баш меркечтеги Акбулуңдун тоо этеги кашаттын кылаасында «Сыргактын мүрзөсү» деп аталган өтө зор алп адамдын мүрзөсү бар. Мүрзөнүн айланасына формасы жагынан жүрөк, самын, коон, дарбыз, туяк, өң, сөйкө өңдөнгөн кызыл, сары түстүү майланышкан жылма таштар коюлган. Элдер ооруп калса ошол таштан ылайыктуусун алып, ооруган жерине тийгизип, ырымдап дубалашат. Мындай таштар башка жерден табылбайт. Бул таштарды Сыргакка баш байлаган жоокерлери алда кайдан атайлап таап келген экен. Сыргактын аты Телкызылдын баш сөөгү жөнүндө элдик уламыштар кеңири тараган. Атка токулган ээр да Көгарттын кемпир чокусуна көмүлгөн экен. «Муз бурчактын бейити» (элдер муз мазар, Көкөнышык мазар деп да айтышат). Акчий ооданы Сапарбай айылындагы Кара тоонун түбүндөгү чапка көмүлгөн, мүрзөнүн тоому азыркыга чейин сакталган. Музбурчактын сөөгү элине жетпей жол кыйындашып ошол жерге көмүлгөн соң кара зоонун боорунан суу агып чыккан дешет. Элдер азырга чейин «Муз мазарды» тайышат. Муз мазардын суусу түрдүү оору-сыркоого шыпаа деп каралып, эл аны дарылык үчүн ичишет жана жуунушат. «Алмамбеттин мүрзөсү» деп аталган мүрзө Үчтурпан ооданынын Жаман суу кыргыз улуттук айлындагы Көкбөктөрдүн күң гөйүндөгү таш үймөк болуп, мүрзөнүн баш тарабына үйдөй чоң таш белги катары коюлган. Бул мүрзөгө да жергиликтүү эл мазар катары сыйынышат. Мазардын жогору жагындагы бир зоодо чоң жараңка болуп, эл аны Алмамбеттин аты таңашкан жер деп карашат. Ошол эле чөлкөмдө 20 аркан бою бийик зоо бетинде килиттери, чачылары ашкере көрүнгөн аң куржундун сүрөтү бар, кыргыздар тарыхтан бери аны «Алмамбеттин куржуну» деп ыйыкташат. Акчий ооданынын «Шынаа» деген жеринде күрпүлдөгөн суунун жээгиндеги корум ташты жарып чыккан 40 терек бөлүп, муну эл «Манастын кырк тереги», «Кырк чоронун кырк тереги» деп айтып келишкен. Мына ушундай чыныгы аңыздык даректер «Манастын» тарыхый изин чалууга, ошондой эле элдеги түпкү тамырын таап чыгууга негиз салып келүүдө. Бул жерде түптүү «Манастын» бардыгы улам жаңы урпак манасчылардын мурастык этүүсү менен ашкереленип турат. XIX кылымдын алдында жашап өткөн алгачкы муун манасчылардын аты жазма беттерде калбагандыгы себептүү унутулганы менен алар айтып жүргөн «Манас» эл ичинде айтылып келет. Алардын «Манас» үчүн жумшаган эмгеги кийинкилер үчүн өрнөк болуп, таасирин тийгизип келди. ХХ кылымдын чөйрөсүндө жашап өткөн манасчылар алдыңкылардын жолун жолдоп, өнөрүн өргө чаап келишти. Теңир тоонун керүүсүндө жашап келген жалпы кыргыз журтчулугуна белгилүү болгон манасчылар Какшаалдан Жусубакун Апай, Ибирайым Акынбек, Мамбеттокто Саяк, Мусанжан, Балбай, Кабылакун; Улуу чаттан Эшмат, Темир Турду, Осмон Намаз, Осмон Маты; Актоодон Абдыракман, Ысман, Төрө Жума; Каражүлдөн Алмакун молдо, Көктеректен Дөөтбай молдо сыяктуулар, булар ар жердеги «Манастын» кайнарын ачкандар. Ушуларга удаалаш эле алардын этегин кармап келген Эшкожо ажы, Эматакун, Үмүракун, Жумакун, Кадыракун, Жумалы, Жусуп Мамай, Жунус, Орозо Кадыр Молдек, Мамбеталы, Өмүр, Сатыбалды Төлөк, Сартакун сыяктуулар «Манастын» мураскерлери катары эл жагынан манасчы деп таанылып, «Манас» айтып келди. XX кылымдын башында Какшаалдагы манасчылык өнөрү кыргыз эл ичинде аябай күч алып, өркүндөп, табигый манасчылык жайыты шекилденип, келечектеги манасчылардын жетилип чыгарына шарт-жагдай жараткан. Ошол табигый пайда болгон манасчылык чөйрөдө Жусубакун Апай, Ибирай ым Акынбек, Балбай Мамайлар баш болгон жогоруда атап өткөн жоон топ манасчылар бардыкка келген. Балбай Мамай сыяктуу ары манасчы, ары илимпоз кишилер да, ошол чөйрөдө жетилип чыгып, «Манасты» чыныгы таанып манасчылыкка бел байлап кирип, бир жактан «Манас» айтып, бир жактан «Манастын» кол жазмаларын жыйнап, дагы бир жактан өзүнөн жакшы айткан манасчылардан «Манасты» кол жазмага түшүрө баштаган. Улуучат, Каражүл жактан Эшмат, Темир Алмакун молдо, Осмон Намаз сыяктуу замандаш манасчылар «Манасты» эл ичинде кирген суудай күркүрөп айтып, элдин урматына бөлөнүшкөн. Буларды чөйрөлөгөн жаш муундар алар айткан «Манасты» үйрөнүп жүрүшөт. Мына ушундай табигый «Манас» мектептери ачылып, «Манас» үйрөнүп, «Манас» айтып манасчы болуунун жөрөлгөсү эл ичинде жайылып келди.
1916-жылы «Чоң үркүн» окуясы жүз берип, канча топ кыргыздар (жана башкалар да бар) Кыргызстандан Какшаалга качып келет. Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулу да топ ичинде келет. Бул кезде кыргызстандык манасчы Сагынбай менен какшаалдык манасчы Жусубакун Апайдын аты эки жактагы элдин баарына таанымал болуп калган (өз кезинде Сагынбай, Эшмат, Жусубакундар алп манасчы Тыныбекке барып, анын атын токуп, отунун алып жүрүп «Манас» үйрөнүшкөн экен).
1917-жылдын башында Какшаал Карачий айылындагы чоң байлардын бири Арзыкан бий «Манас» айттыруу мааракесин өткөрүү үчүн Атбашы, Үчтурпан жана Какшаалдын баш-аягынан адам чакыртып, атайы үй көтөртүп, союуга мал дайындатып, калыс баалоочулукка ар жерден, ар улуттан адам бекиттирип, Сагынбай Орозбак менен Жусубакун Апайды «Манас» айтуу мааракесине салат. Баалоочулар бул эки манасчынын айта турган мазмундарын көрсөтүп беришет. Алды менен Сагынбайды: «Сен жети ханды чакыртып, Манастын чоң казатка аттанышын айт» – дешет. Сагынбай намаздигерден баштап айтып, эртеси Күн чыкканда:
Колдун алды табылгынын чогунда,
Колдун арты Бурананын оюнда, – деп токтойт.
Ал күнү дигерден баштап Жусубакунга Сагынбай токтогон жерден баштап айтууну буйрушат. Жусубакун эртеси Күн чыкканча айтып, Алмамбет менен Сыргактын Карачулга жолуккан жерине алып келип токтотот. Ал күнү манасчыларды бир күн эс алдырып, көздүн ачуусун чыгарткан соң Жусубакунга Сагынбай айткан жерди айттырышат. Жусубакун колдун баарын келтирип болуп, «Каныкейдин арманына» алып келип токтотот. Сагынбай Жусубакун айткан жерди айтып, Бейжиндин шаарына колду киргизип токтотот. Угуп олтурган көпчүлүк сүймөнчүлүккө батып алкыш жаадырып, эки манасчынын кереметтүү өнөрүн даңазалашат. Баалоочулар бул эки манасчынын жомокту баштап айткандан соңуна чыкканга чейин болгон мазмуну, айтуу ыкмасы, обону сыяктууларга карап салыштырып баалап, Жусубакундун Сагынбайдан ары көп, жакшы айткандыгы менен жогору турарын кору тундулашат. Ал эми Сагынбай да өз оозу менен: «Жу су бакун менден жакшы айткан жомокчу болуптур», – деп баа берет. Сагынбай менен Жусубакун ошол жерде көпчүлүккө мындай бир сөздү айтат: «Биздин билгенибиз «Манас», «Семетей», «Сейтек» эле. Уккан абалда «Сейтектен» кийин «Кененим» деген бар дейт. Бир адамдын сөөгүн көтөрүп, Кебез тоого чыгып кеткен экен. Андан наркысын билбейт экенбиз». Көпчүлүк бул кепти угуп, оозун ачып таң калышат.
Бул Какшаал тарыхында бир иреттик болуп өткөн таасири аябай чоң, катышкан адам саны өтө көп «Манас» айтуу мааракеси болгон. Бул мааракеге какшаалдык манасчылардан Ибирайым Акынбек, Балбай Мамайлар угармандар катарында катышат.
Ибирайым Акынбек бул мааракеде конок күтүп, от жагып, жылкы карап жүрөт. Ал эки залкар манасчынын «Кененимден» наркысын билбейбиз дегенин угуп: «Ой, жээним, бери келчи» – деп Балбайды жанына чакырып алып, кыжырланып сүйлөнөт: «Ушуларды атактуу манасчы деп айтышат экен. «Манас» айтат деп элге жар салып Атбашы, Үчтурпандан дүрбөп адамдар көп келди. Ал тигилердин айтып турганын карачы! «Сейтектен» кийин «Кененим» бар имиш дешет. Аны да билбейбиз деп жатпайбы! Кененимден кийинки баатырдын саны төртөө турса, Манасты кошкондо так 8 урпак турса, «бул атактуу манасчылар» кандайча билбей калгандар?.. Балбай жаңы учур тапканына эбегейсиз кубанып, таякесинин касиеттүү сырын ашкерелешке шаштырып: «Таяке айтып жибериңиз» – деп кыстайт. Ибирайым башкалардын угуп калышынан чочулагансып Балбайдын колун бек кысып: «Шүк! Мен бул желмогуздарга айталбайм», – деп манасчыларды карап коёт. Анда Балбай шоктонуп: «Мага айтып бериңиз, мен жазып алайын»,– дейт.
Ибирайым башын ийкеп: «Адам жок жерде жазамын десең айтып берем», – дейт. Ошол «Манас» айтуу мааракеси тараган күндүн эртесинен баштап Балбай Ибирайым таякесинен «Манас» жазып алууга камынат. Ибирайым үйдө кылчу жумуштарынын көп экенин айтат. Балбай таякесин макулдатып, аны кыштоодон көчүрүп, жаңыдан башталган өндүрүштүк жолдорун үйрөтүп коёрун, бир канча чоң жайлоолорго чыгып айылчылатып келээрин айтып, Карачийден Атжайлоого алып барат. Өзүнүн эки ооздуу үйүнүн бир оозун экөө үчүн ажыратып: «Үйдө адам жок» – деп айткызып «Манасты» жазып алууга киришет. Ибирайым «Манасты» айтканда көбүн кара сөз түрүндө, аз-аз жерлерин ырлуу жол менен айтат. Балбай Ибирайым кандай айтып берген болсо ошондой жазып алат.
Ибирайымдан «Манасты» жазып алуу оңой эле колдон чыккан жумуш болбойт. Балбай таякеси Ибирайымдын талабын аткарып, анын тиричилигин кошо жүрүштүрүп, төрт жыл анын артынан түшүп жүрүп жазып бүтөт.
Ибирайым Акынбек манасчынын айтканы боюнча Балбай Мамайдын кол жазмага түшүргөн «Манасы» – «Манас» эпосунун кийинки беш урпагы – Кененим, Сейит, Асылбача-Бекбача, Сомбилек, Чигитейлер болгон.
Ибирайым Акынбек (1882–1959) – кытай кыргыздарынын азыркы заманда өткөн атактуу манасчыларынын бири. Ал азыркы Акчий ооданы, Карачий айылында жашап, 77 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал бала кезинен эле атасынан калган аз гана малды багып, жан сактоо кечирген карапайым адам болгон. Ал «Манасты» билип турса да эл чогулган жерде ачылып-жайылып айтпаган.
Илгертеден тартып «Манас» эпосун оозеки аткаруу мезгил жана чөйрөнүн чектемесине жолугуп келгендиктен, белгилүү манасчы белгилүү жерде «Манастын» бардык бөлүктөрүн башынан аягына сыдыра айтып кеталбай, белгилүү бөлүктөрүн бөлүп-бөлүп айткан. «Манас» эпосун оозеки үйрөнүүчүлөр да ошол бөлүк-бөлүктөр боюнча жаттаган. Ошондуктан айрым бөлүктөрдү арналуу айткан кичи манасчылар көп жетишип чыкканы менен, бир канча бөлүктү түгөл сыдыра улап айткан манасчылар сейрек кездешет, «Манас» эпосунун үчтөн ашуун бөлүгүн айта алган чоң манасчылар саналуу гана болгон, кийинки беш урпагын айтуучулар аябай аз болгон. Ибирайымдын мурасы бизге Балбайдын кол жазмага түшүрүшү, Жусуп Мамайдын жатка алышы аркылуу жетип, кыргыз элинин бул көркөм энциклопедиясынын түгөл сакталып калуусуна негиз салынган. Манасчылык тарыхында азырга чейин кийинки беш бөлүмдү толук айталган адамдын материалы жана анын мурасы маалым эмес. Ибирайым аркылуу Жусуп Мамайга жеткен бул мурас дүйнөдө бирден бир үлгү болуп турууда.
Ибирайым Акынбектин «Манастын» кийинки жаңы урпактарынын жомогун билип калганы жөнүндө кызы Жумакан (1995-жылы, 81 жашта) мындай дейт: «Атам бизге «Манастын» жомогун көп айтып берчү. Үйүбүзгө атам жакшы көргөн кишилери келген күнү кыйла узак убакыт айтып берүүчү. Атам өтө эле жоош адам болучу, ал «Манасты» айтчу кишини таап, айтпаса болбойт деп турчу. Кийинчерээк Балбай менен Жусупка айтып бердим дегенин уккамын. Атам чоң атаман 17 жашында жетим калып, төштүн түбүндө мал багып жүрсө Манас, Бакайлар тегеректеп келип, жомогун өздөрү үйрөтүп кеткен экен. Ошондо эси ооп талаада жатып калыптыр. Ошондон кийин «Манас» айтып калгамын деп айтып берген. Атамдын манасчылык өнөрү Кадыракунга (Ибирайымдын уулу) жуккан. Эл айтып жүргөндөй Кадыракун «Манасты» кыйын айтычу. Жомокту да көп билүүчү. Атамдын көп китептери болгон. Аны Кадыракун сактап жүрчү. Атам Ибирайым кечээ 1959-жылы эле оорубай, соо туруп өлгөн.
Эми иним Кадыракун да өлдү». Аксакал Үсөйүн Ажы Ибирайым Акынбектин «Манасты» кара сөз түрүндө жорголотуп айтканын өз кулагы менен угуп, Карачийде бирге аралашып жүргөнүн, Ибирайымдын тегинде өтө жоош адам экенин ырастайт. Ибирайым өз кезинде «Манасты» ашкере айтпагандыктан элге атагы чыгып таанылбаган. Ал тургай замандаштары арасында да анын манасчылык өнөрүнө болгон тааным, баалоолор аз болгон, тек гана Балбайдын жазып алганына негиз жомоктогу жер аты, эл аты, эр аты тарыхый окуяларга тийбей курулманы бүтүндөй азыркы ыр түрүндө алып келген Жусуп Мамай аркылуу өңүнө кирип кулпуруп, күнү артып, барк-баасын таап отурат. Манасчы «Манасты» канчалык билет? Кандай айтат? Бул бир жагы, ошол манасчы айткан «Манас» жагынан табигый билинсе, дагы бир жагы калың кыргыз эли жагынан бааланып чыгат.
Какшаалдык Жусубакун «Манасты» жети түрдүү обонго салып күрпүлдөп айтканы турганда оозунан ак көбүк атып, короодо койлор үркүп, жылкылар кишинеп туручу экен, ал өзү төрдөн улагага жылып келип, кайра кайтып айтчу экен. Ал өтө эле угумдуу, кубултуп айткандыгы үчүн эл: «Манасты» айтса Жусубакундай айтса, анан «Манас» уккандай болот экен дешип жүргөн. Жусубакундан «Манасты» канчалык билесиң? – деп сураганда ал: – Мен бир ай айтсам да жомоктун аягына чыгалбайм, – деп жооп берген экен. Балбай манасчы Жусубакунду мурдатан билгендиги үчүн, ал айтып жүргөн «Манас» эпосунун алдыңкы үч урпагы «Манас», «Семетей», «Сейтектерди» Жусубакун Сагынбай менен «Манас» айтышуудан мурда эле аны ээрчип жүрүп жазып алган экен. Балбай Жусубакундун шакирттери Мамбеттокто саяк, Мусажандар менен теңтуш болуп, чукул аралашып жүрүп, өз ара тажрыйбаларын алышып турган. Текшерип, иликтеп, уккан кабарга караганда жана Жусуп Мамай аксакалдын айтуусуна негизделгенде азыркы сегиз урпактан турган Жусуп Мамай вариантынын «Манас» бөлүгү ичиндеги Алмамбеттин Көкчөдөн чыгып Манаска келгенинче болгон аралыгын Акмолдо Ибирайым жазып алган Сагынбайдын «Манасынан» алып киргизилген. Бул материалды Чалбай деген адам аркылуу колго түшүрүп, Жусубакундан жазып алган «Манаска» Балбай кошуп койгон. «Семетейдеги» «Семетейдин Үргөнчтү кечкени» деген мазмун Тыныбек манасчынын ошол доордо басмадан жарык көргөн «Семетей» китеби боюнча киргизилген. Бул материал эскирип жыртылып аз калган болсо да Тыныбектин уулу Актан Какшаалга келип беш жигити менен эки жылы Балбайдын сыйлуу коногу, ары көңүлдө досу болуп сайрандап жүргөндө Балбайдын колуна түшүп, бул мазмунду Балбай Жусубакундан жазып алган «Семетейге» кошот. Демек, «Сейтектин» түп негизи Жусубакундун артынан түшүп жүрүп жазып калтырган Балбайдын кол жазмасы экен.
Жусубакун Апай кытай кыргыздарынын азыркы заманда өткөн атактуу манасчыларынын бири болуп, Акчий ооданы Карачий айылынын Акчий деген жериндеги Сатыгул уруусунан.
Үсөйүн ажынын айтуусуна негизделгенде Жусубакун балапан чагынан баштап эл кыдырып, Анжыян, Ошко барып, Алтай ырчы деген кишиден «Манас» үйрөнгөн. Андан кийин Эшмат, Сагынбай менен бирге Тыныбек Жапыйдан канча жылы «Манас» үйрөнгөн. Жусубакундун устаттары өз кезинин чоң манасчылары болгон. Өзүнүн да Мамбеттокто Саяк, Мусанжан Мамажан, Орунбай Садыракун, Маамыт деген мыкты шакирттери болуп, алар эл ичинде жомокчулар аталып, «Манас» айтып жүрүшкөн. Жусубакун «Манастын» эл ичинде кеңири тарап, муундан-муунга жетишине чоң өбөлгө түзгөн. Жусубакундун көзү өткөн соң анын шакирттери «Манасты» эл ичинде айтып жүрүшкөн. Бул жөнүндө эл мындай дарек берет: «Мусанжандын обону жана аткаруу ыкмасы устасы Жусубакунга кыйла окшоп, жакындап барат эле. Мамбеттокто болсо «Манастын» жомогунан көп билчү эле».
Балбай Мамай (1896–1937) – өз кезинде Какшаалдын баш-аягына таанымал билимдүү адам болуп, ал ары коомдук ишмер, ары көркөм өнөрпоз, ары манасчы болгон. Эл дайыма Балбайды үйүнө чакырып, мал союп, «Манас» айттырып, коомдогу жаңылыктардан кеп салдырып, элдик көркөм чыгармалардан айттырып турушкан. Балбайдын мындай аржактан тегиз жетилип чыгуусуна анын бала кезинен китепке кумар болуп, узак жылдар бою үзбөй жыйнап келген китептери негизги себеп болгон. Балбай сабаты чыккандан тартып эле китеп окушту жакшы көрөт, бирок окуган китептери ары аз, ары анча жогору сапатта болбосо да тапканын калтырбай окуйт. Ал жакта Какшаалдын карым-каттоосу өтө алсыз болгондуктан, Балбай Артыш кашкарлык соодагерлер менен таанышып, ошолорго бек тапшырып, жер-жерлерден чыккан китептерди алдырат. Артыш сунтактык Бакытакун деген адам аркылуу Кашкар, Кучар, Жаркенттерден табылган китептерди алдырса, кашкарлык Кусербай деген соодагерден Анжыян, Ташкенттерден чыккан китептерди алдырган. Балбай өзү да сырттарга көп чыгып Атбашы, Нарын, Кашкарга барып, жактырган китептерин сатып келип жыйнай берген. Балбай өмүрүндө төрт аял алган. Экинчиси Калдык деген аял болуп, аны Кыргызстандан (Атбашы) алган. Калдыктын агасы Кожобай, Сарыбайлар дайыма Какшаалга келип-кетип турган. Балбай кайнагасы Кожобай аркылуу Кыргызстан жана Истамбул, Казандардан басылып чыккан китептерди алдырып келген. Балбайдын төртүнчү аялы Зыйна Үркүндө качып келген (1917-жылга тушташ) Мамыркан деген адамдын кызы болгон. Мамыркан жалпы кыргыз журтчулугуна белгилүү болгон Молдо Кылыч менен тууган болуп, Молдо Кылыч бастырылган соң, коркконунан түн катып жол жүрүп алып келген китептерин күйөө баласы Балбайга берет. Ушинтип Балбайдын китептери күн сайын арбып, сан-сапат жактан жогорулап, жеке материал булагына айланат.
Балбай түрдүү материалдардын баркын тааный билгендиктен жаш кезинде эле «Манастын» кол жазмаларын жыйнап, кийинчерээк Кыргызстанда басылып чыккан «Манастын» китептерин алдырып келип окуган. Өз айланасындагы «Манасты» үзүндүлөп айтып, Жумакун, Жунус сыяктуу адамдар менен таанышып, көрүшүп жүргөн. Балбай өз кезинде «Манастын» улуттук маданияттын ири өрнөгү экенин байкап, түрдүү китеп чогултуу менен бирге «Манас» топтоп, аз өмүрүндө «Манаска» ары адал, ары улуу эмгек сиңирген. Анын бир топ жылдары манасчылардан «Манас» жазып алуу жана аны чогултуп бириктирүү менен өткөн, Балбай өз эмгеги менен калыптанган «Манасты» түнөктөрдө, ашта, тойдо, көжө ичкен жерде күрпүлдөп айтып, элдин мактоосуна, алкоосуна бөлөнүп, «Манасты» жалпы журтчулукка таанытып, аны журтчулук негизине ээ кылууга өбөлгө түзгөн.
Балбайдагы материал кайнары тарыхый маңызга ээ. Анткени ал материалдар XX кылымдын 90-жылдарында да биз менен боордош болуп жашап, эсинде калган улуу эпосту өзү кол жазмага түшүрүп, Инсанат тарыхында сөз жеткис баага арзып олтурган Жусуп Мамайдын 8 урпактан куралган 18 томдуу «Манасынын» байыркы башаты болгон.
Балбай өз колу менен жазган «Манастын» кол жазмасын жана өзү топтогон тарыхый жазмаларды, ар жерден алдырган китептерди иниси Жусупка өзүнүн улуу тилектерин кошуп тапшырып берет. Ал кезде Балбай коомдук ишмер катары Үчтурпан, Акчий элдеринин окуу-агартуусун өнүктүрүү, элдеги сабатсыздыкты жоюу ишин активдүү илгерилетүү үчүн «Кыргыз уюшмасын» курууга катышкан. Элдин тагдырын өзгөртүү жолунда күрөш алып барат. Ал 1937-жылы Шың шысей өкмөтү тарабынан туткундалып, Кашкар түрмөсүнө камалат. Анын тирүүлөй кандекке көөмп өлтүрүлгөнү жөнүндө үч жылдан кийин кербендер кабар берет. Балбай калтырып кеткен чоң сандык материал 1938-жылы Үсөнакун Шаңянын Жусупту курал жашырган деп үйүн тинтүүсү менен талоонго жолугуп жоголот. Бул материалдар жоголгон болсо да, наристе чагынан таанышкан «Манас» Жусуптун канына кандай, жанына жандай сиңип мээсинде калат.
Балбай Жусупту тарбыялап катарга кошууда атасы Мамайдан артык эмгек кылып, бүт жоопкерчиликти өз моюнуна алгандыктан, Жусуптун азыркыдай залкар манасчы болуп чыгуусундагы курчуган өнөр, топтолгон материалдык казына жана жалындуу медет берүүгө үндөп кызыктырып, төтөлөй көмөк көрсөтүүдөн шарт-жагдай жаратылган. Балбай өз кезинде салтанаттуу «Манас» айтуу мааракесине катышып, өз көзү менен манасчылык өнөрдү көргөн. Жусубакун Апай, Сагынбай Орозбак, Ибирайым Акынбектей залкар манасчылар менен аралашып, алар айткан «Манастан» угуп, алардын оозунан өз колу менен жазып алгандыгы үчүн манасчылык өнөрдү жакшы таанып туура баалап, андагы асыл өрнөктү ийгерип алгандыктан, Жусупка «Манас» айтууну үйрөткөндө өзү үйрөнүп алган өрнөктөрдөн үлгү алдырган. Тактап айтканда, баатырлардын сайышынан айтканда сүрдүү өң, күчтүү үн менен кабак бүркөп катуу айтууну, акыл-насаат берген жерлерин макал-ылакап менен меселдештирип, жакшыжаман жагын ачык көрсөтүп айтууну, аялдарды сүрөттөгөн жерин назик, ары жагымдуу сөздөр менен айтууну тапшырып, баштан-аяк обон менен аракетти сайкештирип айтууну тапшырып, «Манастын» обонго коштолуп айтуу тартибин, аракет формаларын, айтуудагы ыкма өнөрүн, элдик жогору талаптын шарттарын калтырбай сүйлөп, аларды мисал менен системалуу үйрөтөт. Жусуп Мамай агасы Балбайдын берген сабак-тарбыяларын көөдөнүнө түйө берет. Үсөйүн Ажы Үнүр Мамбет жана Жумалы Келбай (Жумалы – 1995-жылы 81 жашта, Какшаалдагы белгилүү жомокчу, манасчы жана санжырачы. Жумалы үч жашта экенинде атасынан жетим калып, энеси туугандарынын кеңеши боюнча Балбайга тийгендиктен Жумалыны да үч жашынан баштап Балбай багып катарга кошкон) сыяктуу аксакалдардын айтуусуна караганда, Балбай өз кезинде Какшаалдын баш-аягына таанымал көзгө көрүнгөн манасчы жана «Манас» жыйноочу болгон. Ал «Манас» айтканда анын сөзү күчтүү, обону эрекче, аракети көркөм болуп, эл тарабынан жакшы баага татыктуу болгон. Балбай барган эле жерде эл чогулуп, тиричилигин таштап, аны тегеректеп «Манас» айттырып угушчу экен. Балбайдын албан түрдүү эмгеги Жусуп Мамайдын чыныгы таланты аркылуу кулпуруп, манасчылык өнөрдүн кайнары да белгиленип олтурат. Ушундай түптүү «Манастын» чөйрөсүндө жашап келген улуу адамдардын асыл жөрөлгөлүү эмгектери Жусуп Мамайга жандуу ролун тийгизип, Жусуп Мамайдын «Манаска» дал убагында мурастык этип, анын манасчылык өнөрдү туу белге жеткирүүгө бел байлашына түрткү болот.
Жусуптун «Манас» үйрөнүшү
Жусуп Мамай Какшаалдагы чериктердин Кызыл Тукум уруусунан болуп, анын атасы Мамай эмгек иштеп адал колдуу мал-пул таап, турмушун жыргап өткөргөн адам болгон, ал Мекеге барып, тооп кылып Ажы болуп келген. Көп жерлерди көрүп, көп үйрөнүп, көп билип, айылдагы атактуу табып болуп таанылып, көптөгөн кеселдерди оорудан айыктырган. Жусуптун энеси Бурул көп балага курсак көтөргөн болсо да, чоң уулу Балбай, ортончу кызы Ырапкандан бөлөктөрү турбаган. Абышка-кемпир кыйла картайып калганда Мамай ажым кемпири Бурулду ээрчитип алып, мазарларды тайып, Арашанга түшүп келүү үчүн Турпан Кашкарларга барышат. Ошол жолку узак сапардан кайтып барган соң 60ка чыккан Бурул эне бойкат болуп 61 жашында Жусупту төрөп, ал Мамай ажымдын 27 баласынын эң кенжеси болуп калат. Бул 1918-жыл, 4-ай мезгили эле. Ал чакта Мамай ажым азыркы Кызылсуу Кыргыз Автоном обулусу, Акчий ооданынын Карабулак айылы Меркечтин Атжайлоо деген кыштоосунда турчу экен. Ал өзү салдырган эки ооздуудан эки башка чалма там менен кичинекей мечитин коргондоп, баласы Балбай менен чогуу олтурган. Жусуп төрөлгөндө Балбай 26 жашта болуп, Мамай ажым жашы улгайып кеткендиктен Жусупту көбүнчө Балбайдын багуусуна койгон. Жусуп энеси Бурул баштаган Калдык, Мырзакан, Сайракан катарлуу төрт аялды ээмп, эне сүтүнө абдан канат.
Жусуп Мамай кичинесинен зээндүү, тирикарак, сүйкүмдүү бала болуп чоңоёт. Ал 6 жашка чыкканда Мамай ажым баласын молдого окууга бермек болот. Ошондо ал: «Мурунку өткөн баатырлар 9 жашында жоого аттанып чыкчу экен. Мен сени алты жашыңда молдого берип жатам. Көзү ачылып кат окусун, жомок, дастандарды окуп көңүлү өссүн, мен өлөмбү же энең өлөбү, бизге ыман айткыдай болуп калсын деп ойлодум. Какшаалдын көкүрөк жагында китепти шар окуган, катты ачык, жакшы жазгандан Балбай агаң баштаган саналуу гана адам бар. Аларда ушул Ыстам кожонун таалымын алып, жакасы кирдебей, жаны кыйналбай иш акысына тай алып, кой алып жүрөт. Сен да жакшы окугун» – дейт.
Ушинтип Жусуп Ыстам кожонун колунда 9 ай окуп эле кат таанып, сабатын чыгарат. Андан кийин Кашкар Кайрактык Назаркары, Кашкар Бешкиремдик Үсөнакун деген молдолордон куранды кайталап окуп үйрөнүп, өлүк-тирик намаздары менен дыйканчылыктын аят-касийделерине чейин үйрөнүп алат. Булар Жусуп Мамайдын болочокто Ыслам динин жакшы билип, Мекеге барып, ажы болуп келүүсүнө жана касийде окуп, кеселдерди айыктырышына себеп болот.
Жусуп молдодон сабатын чыгарып, кат таанып, китеп окугудай болгондо агасы Балбай берген «Манастын» кол жазмаларын окуй баштайт. 8 жашка келген Жусуптун санаксыз жай, кыш түндөрү шам чырактын түбүндө, чилдеде тоңбой, күркүрөп аккан Атжайлоонун көк кашка суусунун коштоосунда улуу эпосту кунт коюп окуу менен өтөт. Жусуп кичинесинен эле китеп окууга кумар болгондуктан «Манасты» окуп, окуган жомогу көңүлүнө жат кала баштайт. Жусуп эл аралап, агасы Балбай жержерлерден алдырып келип топтоп койгон китептерди да окуйт. Анын бала кезинен жактырып окуган китептери «Шаймаран», «Залзал», «Заркум», «Кэрбала», «Үрүстөм», «Султан Сейит бадалказы», «Камус Аалем», «Абдумуселим Марози», «Миң бир түн», «Муңдук-Зарлык», «Жаныш-Байыш», «Кыз Жибек», «Тайыр-Зохра» сыяктуулар болгон. Бул китептерди Жусуп кайра-кайра окуп, дегеле зериккен эмес. Ал китеп окуса, ушул күндө да арып-ачканын унутуп калат. Жусуп Мамай китеп окуу менен дүйнөгө болгон таанымын күн сайын арттырып, дүйнөнүн эмне экенин, жашоонун эмне экенин анык билип, көркөм адабияттан үзүрлөнүүнү жана анын адамзатка болгон ролун абдан туюна баштайт. Атасы Мамай да китеп кумар адам болгон. Ал дайыма убакыт чыгарып, байбичеси Бурулду жанына олтургузуп алып, Жусупка Балбай берген «Манастын» кол жазмаларынан окутуп, баатырлардын жомогунан күн-түн дебей угуп турушкан. Жусуп да зерикпей кайра-кайра окуп берген. Жусуптун өзү да «Манас» окууну аябай жакшы көргөндүктөн окуган сайын окугусу келип шыктанып, көп окуган жерлерин өздөштүрүп, көңүлүнө жат боло баштайт. «Бала кезинен «Манас» окугандан, жомок айткандан башка жумушка кыйыктанып баруучу», – дейт бир үйдө чоңойгон Балбайдын тун баласы Жакып. Буга караганда Жусуптун «Манаска» болгон ынтаасы наристе чагынан эле дилине уюганын көрүүгө болот.
Жусуптун улуу байбичеси Селикан (1995-жылы 80 жашта) мындай дейт: «Мен 12 жаштагы ойноп жүргөн секелек кыз элем. Жусуп ошондо 10 жаштагы кубаңкы тарткан бала экен. Бизге нике кыйдырып, той берип, үйгө киргизип коюшту. Биз экөөбүз тең бала болсок да эр-аял аталып, бир үйдө жашап калдык. Жусуптун башында дайыма кол жазмалар жаздалып жатчу. Ал бир укканын эгерим унутуучу эмес. Ошого ал эмгиче акылы тунук турат. Үйгө конок көп келип турчу. Малдар жаңыланып союлуп, таң аткынча кайнагам элге жомок айтып, кызык кептерди салып берүүчү. Он жылдар өткөн соң Жусуп да үйгө турбас болду, үйдө турса да анын артынан издеп келип, аны бошотпой кеп салдырып, жомок айттыруучулар көп болду. Эми ойлосом ошондо «Манасты» элге айтып берүүчү турбайбы».
Жусуп «Манас» менен эң алгачында ары агасы, ары устасы, ары баккан атасы Балбайдын кол жазмасы аркылуу таанышат. Ал окугандан жат ала баштаганда Балбайдын төтөлөй көмөк көрсөтүүсүнө ээ болот. Жусуп Балбайдын талабын таза аткаруу үчүн «Манастын» кол жазмасын кайталап окуп, мазмунуна абдан түшүнүп, жакшы-жаманды, оң-солду анык билген соң, анан жаттай баштайт. Ал Балбайдын «Манасты» кандай айтуу шарттарын – баяндоо ыкмасы, обону, аракети, манасчынын өң-түрү, тил көркөмдүгү жагынан көрсөткөн өрнөктөрүн көңүлүнө бекем түйөт. Ал кээде агасы Балбай «Манастын» жомогун айттырып сынаганда өзүндөгү чечендикти ашкерелеп, «Манасты» сүрдөбөй айтып, агасынын ыраазылыгын алып турат. Балбайдын манасчылык өнөрү менен Балбай аралашкан залкар манасчылардын манасчылыгы эң жакшы өрнөк болуп, Балбай аркылуу Жусупка жалгашып, табына уюп отурат.
Манасчылык өнөрүнүн оор милдети балапан кезинен Жусупка жүктөлүп, Жусуп «Манасты» жан дүйнөсү менен сүйгөндүгү үчүн ал кайра-кайра окуп, кайра-кайра жатка алып жүрүп он канча жашында агасы Балбай берген «Манастын» 8 урпагынын жомогун түгөл үйрөнүп алат. «Манаска» баш-оту менен кирген Жусуп өспүрүм чагынан 30 жашка чыкканча үргүлөп кетселе түшүндө «Манас» айтып чыгат. Ата-энеси Жусуптун бул сырын билгендиктен, жат кишилерди Жусуп жаткан үйгө кондурбайт. Жусуп он жаштагы кези, атасы Мамай Мекеге барып келип, анча узак өтпөгөн бир күнү дал түш маалында айылдагылар эшикте мал саап, Мамай ажым кемпири Бурул менен төрдө аңгемелешип олтурганда Жусуп үйдө «Манас» окуп жатып үргүлөп уктап кетип түш көрөт. Түшүндө намазшам мезгили экен. Бир жайдак кара буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтөле чоң киши Жусуп эшикке чыгуусу менен алдында пайда болот. Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт. Ошондо кара чаар киши: «Эй, бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» – дейт. Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутба жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен. Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ала ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш. Ошондо баштакы кара чаар чоң ооз киши Жусупка сүйлөп, атчан адамдарды тааныштырат: «Тээтиги эң алдында турган эки кишинин бирөө Манас, бирөө Бакай. Алардын аркасындагы эки кишинин бирөө Алмамбет, бирөө Чубак. Тиги эң артындагы жалгыз атчан Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды».
Артына кылчайып карайын дегенче Жусуп ойгонуп кетсе түшү экен. Жанында олтурган энеси: «Эмне болдуң, балам?» – деп сурайт.
Жусуп түш көрдүм дейт. Мамай аялын бир козу алып келүүгө жумшайт. Айылдакыларды бүт чакырып, козуну союп, түлөө берип, элден бата алынып болгон соң үйдө Мамай, Бурул, Балбай, Жусуп төртөө калат. Мамай: «Ээ, балам, эмне түш көрдүң айтчы»,– дейт. Жусуп көргөн түшүн айтып берет. Угуп болгон соң атасы Мамай мындай дейт: «Балбайды иним Мамелек багып чоң кылган. Балбай да «Манас» чогултуп, «Манас» окуп жүрүп Саз өтөктө ушуга окшош түш көргөн экен. Иним Мамелек да козу союп, түлөө берип, элдин батасын алган. Эми бүгүн Балбай «Манас» айтып, «Манастын» жомогун топтоп жүрөт. Сен да «Манастын» жомогун жакшы окуп, жакшы үйрөн» – дейт.
Арадан бир топ мезгил өткөн соң Мамай ажым баласы Жусупка дагы мындай насаат айтат: «Манас деген тирүү олуя, жаш киши жакшы-жаман иштерге көп жолугат. Сен эгерим касийдечилик кылба, жашың кырктан ашмайынча эл ичинде «Манас» айтпа. Жусуп 16 жашында атасы Мамайдан жетим калат. Агасы Балбай коомдук иштерге аралашып, сыртта көп жүрөт. Ушинтип үй-бүлөлүк турмуш менен күнүмдүк жашоосунда руху азыкка айланган «Манас» Жусупка калат.
Жусуп Мамайдын манасчылыгы
Жусуп атасынын насаатын көңүлүнө бекем түйүп, «Манасты» билип, айткысы келип турса да эл ичинде айтпай жүрөт. Бирок мындай сыр сактоо жагдайы «Манастын» кудуреттүү күчү жагынан жоюлат.
1936-жылы Какшаалдын чыгыш жагындагы Бедел ашуусуна таш жол жасоо жумушу башталып, жер-жерлерден таш жолго иштегени келген адамдар чогулат. Бедел таш жолун Дубана зуң Шаңя деген адам башкарат. Ал Жусупту өзүнө катчы кылып алат. Күндүз жапалуу эмгек иштеп, аябай арып-ачып чарчаган эл кечкурун эс алганда ар түрдүү оюн-тамашага берилип ардык чыгарышат. Таш жолчуларды башкарып тургандар бир жерге топтошуп алып, Жумакун Мамбетакун менен Жунус Алыбай деген эки кишини «Манас» айттырат. Ошол кездерде Жусуп уктап жатып кээде түшүндө «Манас» айтып чыкчу экен. Аны Дубана Шаңя да билчү экен. Бирок аны жаш бала деп аяп, көпчүлүк ичинде «Манас» айттырбаган экен. Жумакун Мамбетакун менен Жунус Алыбай күнүгө алмак-салмак иштегендерге «Манастан» үзүндү айтып беришет. Андагы Жумакундун айтканы «Алмамбеттин чалгындагы жерин көрүп, Сыргакка айткан арманы», ал эми Жунустун айтканы «Алмамбеттин Көкчөдөн Манаска келиши». «Манас» айткысы келип туталанып бук болуп жүргөн Жусуп күнүгө кайталанып айтыла берген бир эле мазмунду уга берип жигери кайнап, чыдабаганда бир күнү бозону аябай ичип алып, Жумакун айтып токтогон жерден эле эриксиз түрдө улап айта баштайт. Жусуптун «Манасты» биле турганын дегеле укпаган эл таң калышат. Ошондо Жусуптун 18 жаш курагы болуп, бул анын өмүрүндө ооз ачып, «Манасты» эл ичинде тунгуч айтышы болот. Жусуп ошол алгачкы айтышында Жумакун айтып токтогон «Алмамбеттин арманынан» улап 7 күн айтып, Манас баатырдын өлүмүнө алып келип токтотот. Анан Жунустун айтканына «Алмамбеттин атасынан көөнү ооруп, Көкчөгө барганын» кошуп айтат. Элдин баары дүрбөп, «Манас» угабыз деп ар күнү түндөсү уктабай тыңшайт. Жусупту баары бирдей: «Бул бала ушул жашында ушундай айтса келечекте чоң манасчы болгудай» дешет. Бул Жусуптун тунгуч ирет эл жагынан «манасчы» деген улуу атакты алышы эле.
Көп өтпөй Бедел таш жолунун иши токтотулуп, иштегени келгендер жер-жерине кайтып кетет. Жусуп да Меркечке кайтып барып, жаңыдан курулган Меркеч мектепте мугалим болуп иштейт. Жусуп Меркечтин жаңы урпактарына сабак өткөндө «Манасты» жомоктоп айтып берет. Балдардын көңүлүн «Манас» аркылуу өзүнө тартып, алардын жакшы окуусуна дем берет. Жусуптун «Манасты» ары жакшы, ары көп айта турганы кулактан-кулакка түшүп, элдин көбү кабар табат. Алар баш кошуп чогулуша калганда Жусупту чакырып, ага жалынып-жалбарып «Манас» айттырып угушуп, моокумун кандырышат. Эл күн-түн Жусупка тынчтык бербей жомок угабыз деп артынан түшүп алганда ал да элдин назарын сындырбай айтып берет. Жусуп элдин көзүнө бат эле чалдыгып, манасчылык өнөрү жаш туруп ашкереленип, элге таанымал болуп калганына ичинен саал чочулайт. Атасынын «кырк жаштан ашмайынча «Манас» айтпа» дегенин эстен чыгарып, өзүнүн мезгилсиз балалык кылып койгонуна өкүнүп, өзүн жемелеп, жаш курамы шартка толмоюнча «Манас» айтпастык оюна келет. Бирок атагы чыгып, эл ичинде дүң болгон Жусуп элдин үмүтүн суутуп коюуга аргасыз болот. Эл Жусупту үйүнө чейин кууп барат. Бул тууралуу кызыл тукум уруусуна келин болгон Малийке Балбык кызы (1995-жылы 72 жашта) мындай дарек берет: «1932-жылы көктөм мезгили эле, ууз кымыз чыкканда эл-журт ыраак-жакындагы уруктуугандарын чакыртып чогулуп кымыз ичмек болушту. Мазардын эки өтөгү жык толгон 20 үйлүүчө киши бар элек, айран-каймакты дегеле көп чогулттук. Эл да кайкалап көп келди. Эл төштө аккан арыктын асты-үстү жагында каргадай конуп олтуруп арык, узун бойлуу сары баланы «Манас» айтып кой деп жаалап жатышат. Биз келиндер үйдү жыйнаштырып, боз үйдүн туурдугун түрүп коюп шыкаалап, тиги бала «Манас» айтат экен деп турабыз. Ошондо ал бала: «Жакшыраак айталбайм, мурун айтканым жок, мен үйрөнүп алалбадым», – деп болбой жатат. Эл колунан кармап: «Балам, сени жакшы айтат деп уктук. Жашыбызды берели, батабызды берели айтып кой», – деп жатышат.
Бала дегеле болбой койгондо кызыл тукумунун аксакалы Чаргын абам капаланып: «Өз колубуз менен чоңойтуп койдук, каадаланбай айтып кой дегенде айтып кой, уйча мөөрөсөң да!» – деди эле, бала: «Билген жерим бар» – деди. Калган эл да айтып кой деп чуркурашты. Акыры бала «Манасты» обонго салып айтып калды. Эл бирдей: «Ой, бегирээк айт, угулбай калды», – деп чуркурашты, ошондо бала үнүн бийиктетип, шаңдуу айтты. Алдына тердик салып беришти. Эл сууга түшкөн таштай тынчып угушту. Түш оогондо эл бир аз эс алды, ошондо Мамеке абабыз: «Балам, коңур үнүңө салып айтчы, үнүң буулугуп баратат», – деди. Бала эртеси кеч бешимге чейин айтты. Бул узун бойлуу арык бала Жусуп агам эле. Ошондо 19 жашта болсо керек. Ошондо эл «Манас» тыңшап отура берип, кыйла үйлөрдүн сааны саалбай, үйү жыйналбай, малдарын чогултуп алышпай кокуйлап калышкан. Экинчи ирет «Манас» айтканын укканым 1946-жылы болду. Секи өтөктө турдук, жайдын күнү керүүдө элдер тегеректеп олтуруш алып Жусуп Мамайды «Манас» айтып кой деп гүүлөшүп, бири «Чоң казаттан айт» десе, бири «Тайторуну чаптыр» деп жатышат. Ошондо Жусуп күрпүлдөп айта баштады. Өңү башкача сүрдүү, эки колу тынбай аракетте, шилекейи оозунан атып турат, үнү андан да кубулжуйт, тунук зыңгырап чыкчу. Күн жайылып, кымыз ичип болгон соң баштап айтып, таңды аппак аттырып эртеси арып-талып калгыча айтып, анан жатып калды». Үчүнчү ирет укканым 1952-жылы болду. Жумалы деген бир кадр Карабулакка жыйын ачмак болуп элди чогултту. Секи өтөк, Балкан тоо, Мойназ өтөк, Арал, Астыңкы Секи, үстүнкү Секи, Көк Жон, Мүрөк, Жантык деген айылдардан калбай эл топ келди. Жыйында: «Өлкөнүн азат болгонун, элге жарык күн тууганын, жаңы бир өкүмөт курулганын айтып, партия жашасын» – деп сүйлөдү, жыйындан кийин Жусупту «Манас» айттырды. Жусуп «Манас» айта баштаганда элдер үңүлүп биринин алдына бири өтүп орун талашып демитип турушту. Бир күн «Манас» айтып, эртеси түшкө чейин дагы айтып берип кетип калды. Дайыма үйгө сыйлуу конок келип калса, жай кымыз ичкенде, кыш согум сойгондо болсун урук-тууган, эл-журт: «Жусупту ырдатарга күн барбы? Ошондой болсо кандай сонун болор эле?» – деп турушчу. Жусуп жомокчу эле болуп калбай, таланттуу жамакчы болгон. Айылдагы жакшы-жаман иштерди карап туруп жамактап ырдап койчу».
Жогоруда айтылгандай Жусуп элдин көңүлүн жерде калтырбай «Манас» айтып, элдин дилин жарытып, батасын алып турган. «Манасты» көп ирет күн-түн улап айтып жүрүп тили жатыкташып, мүнөз жагынан да «Манас» айтпаса буулугуп, кыялданып калчу мүнөздү жуктуруп алат. Ал кээде «Манасты» буркан-шаркан түшүп айткысы келип, жагдай болбогондо адам жок ээн талаага барып кангыча айтып, черин жазып келет. Бул чактарда Жусуп такшалган манасчылардай жетилип калат.
1945-жылы Жусуп Сомташтык Мамбеттокто Саяк деген манасчы менен басакеге түшкөн. Бул эки манасчы биринин жомогун бири угуп, биринин манасчылык өнөрүн бири көрүп сындашып багуу үчүн «Алмамбеттин өлүмү» деген мазмунду айтышкан. Жусуп Мамбеттоктону жеңип алат. Бул чактарда Жусуптун манасчылык өнөрү небак бышып жетилип болгон кез. Угарман эл «Манасты» кайсы жеринен айт десе, эч качан ойлонуп, жазалап жүрбөй эле жомокту таң баштан айтып, элди ыраазы кылып, өзү да урмат-сыйга чөгүп турган. Бул кезде Какшаал өрөөнүндө Жусуптан бөлөк көп эле жомокчу, манасчы (мурдагы манасчылардын балдары, туугандары, шакирттери) болсо да эч кимиси батынып Жусуп менен топ ичинде ашкере «Манас» айтуу басакесине түшкөн эмес. Жусуп угарман эл чыдап олтуруп берсе эле, канча күн-түн жаагы талбай айта берген. Мындай «Манас» айткан убакта Жусуптун өңү да түрлөнүп, үнү андан кубулуп өзгөрүп, оозунан ак көбүк атып чыгып, аракетте болуп күүлөнүп, айтканда олтурган жеринен жылып канча кулач жерге барып кайра кайтып токтобой айткан. Жусуптун «Манасын» угуп олтурган эл бирде ыйлап, бирде кобурап Теңирге жалынып, бирде чуулдап дем берип, бирде сөгүнүшүп, Жусуптун оозунан чыкканы жомок эмес Манасты чыныгы көрүп жаткандай сезишип, убакыттын түн ортосу же чак түш болгонун туйбай олтуруп уга беришкен. Жусуп да карды ачып, денеси уюп-талып калганын унутуп калган. Ошол үчүн Жусуп элдин шартына толгон, талабын кандыра орундаган залкар манасчы болуп таанылып, Какшаалдагы манасчылыктын алтын доорун сүрө баштайт.
Жусуптун эл ичинде айтып келген «Манастын» өз кезинде агасы Балбай жазып топтоп калтырып кеткен. «Манастын» өз аты айтылган түрү эмес. Бул жөнүндө Жусуп Мамай өзү мындай дейт: «Мен агам Балбай берген «Манасты» үйрөнгөндө кол жазмадагы жомоктун өзөгүн гана үйрөндүм. Кол жазмадагы «Манас» ыр түрүндө да, кара сөз түрүндө да аралаш жазылган болуп, кийинки урпактары чылгый жөө жомок түрүндө жазылган. Мен кол жазманы окуганда аны 8 жашыман жат ала баштап, сөөгүн үйрөнүп эске алдым. Бул «Манастагы» жер аттары, адам аттары, эл аттары жана өзөктүк окуяларга мен өзгөртүү киргизбедим. Ал кандай жазылып калса, ошондой үйрөнүп айттым, бирок кара сөзгө салынган жерлерин бүт ырлаштырдым, сөзүн көркөмдөдүм, тилин уккулуктуу кылып айтууга көп аракет жасадым. Байланышпай калган жерлерин өз күчүмө салып кошумчаладым, тегинде мен окуган «Манастын» кол жазмасы андай көлөмдүү эмес эле. Мен ырлаштырганымын себебиненби көлөмү артып берди».
Жусуп Мамай «Манасты» эл ичинде айтканда агасы Балбай үйрөткөн Ибирайым, Жусубакун, Сагынбай, Балбайлардын айтуу ыкмасын өз өңүндө туурап айткан эмес. Анткени манасчы «Манасты» чындап айтып келгенде көзүнө баатырлар көрүнүп, алардын урушуп-чабышкандары кулагына угулуп, кудум кино көргөндөй жандуу сезимге келишкен. Ал убакта анын обону, мунун аракети, тигинин сөзү деп айыргыдай жагдай болбойт. Жусуп Мамай өз чөйрөсүндө залкар манасчылардын «Манасын» үйрөнүп, алар жөнүндө улуу таанымга келип, эмгегин жогору баалап турса да, өзүнүн манасчылыгында аларды басып түшкөн өнөрүн алып чыгып, калың жамаатчылыкка көрсөтүп таанытып келди, кудум «устасынан шакирти озот» дегендей.
Жусуп Мамай вариантынын жазылып алынышы
Жусуп Мамай вариантын жазып алуу жумушу бир убакта бүткөн жумуш эмес. Ал кайта-кайта колго алынып, канча жыл, канча өткөөлдөрдү басып өтүп, анан бир бүтүндүккө алып келинген. 1956-жылы Мамлекет боюнча аз сандуу улуттардын тилин изилдөө кызматы канат жайып, борбордон Шинжаңга бир группа адам кызматка түшөт. Бир бөлүк адам кыргыз тилин текшерип Кызылсууга келип, оодандарда айылдарды кыдырат. Ал кездерде «Манас» эпосу жөнүндө түрдүү маалыматтар болсо да, эпостун таралышы, канчалык манасчынын бар экендиги, ал манасчылардын канчалык билиши сыяктуулар жөнүндө толук маалымат алынбаган. Тил текшерүүчүлөр Теңир-тоолук кыргыздардын арасында да таралып жүргөн «Манас» жана манасчыларга кызыгып, кайтып барган соң борбордук фольклорчулар коомуна Теңир-тоолук кыргыздарда да түптүү «Манастын» бар экени айтылат.
1960-жылы 10-майда Шиңжаң Уйгур автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин уюштурулушу менен бир топ эл Теңир-Тоо этектериндеги жазуучуларды уюштуруу, чыгаан чыгармаларды тандоого жетектөө, журналдарга окурман чакыруу менен бирге элдик көркөм адабият-тарыхый казналарын текшерип таап, жазып алууга барат. Алар Кызылсууда кызмат жүргүзүп, жумушту оодандардан баштайт. Ошондо Улуучаттан Темир манасчыны жолуктурат. Темир айткан «Семетейден» үзүндү жазылып алынат. (1960-жылкы «Шиңжаң гезитинде» ханзуча, 1961-жылы 1-сан «Тарым» журналында уйгурча жарык көргөн). Кызмат группасындагылар Артышта туруп, Акчий ооданында күнү-түнү «Манас» айта турган манасчы бар деген сөздү угушат, бирок убакты жетпегендиктен Акчийге барбай удул кайтат. Автоном райондук адабий-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин жетекчилиги алар алып келген кабарлар боюнча борбордогу башкы жетекчиликке абалды айтат.
1961-жылы көктөмдө борбордук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин баш жетекчилиги өзүнүн Шинжаң бөлүмчөсүнө кыргыз элинин «Манас» эпосун текшерип таап, кол жазмага түшүрүүнү, ага кошуп кыргыз салтсанаасын, фольклор кайнарын казып чыгууну тапшырат. Борбордук улуттар институту кыргыз тил классындагы окутуучу-окуучулар ошо кезде практика иштеп, тилге машыгуу үчүн Кызылсууга келишет. Шинжаң Уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинен жолдош Люфажун өзү менен үч киши болуп Кызылсууга барат. Кызылсуу Кыргыз автоном областтык эл өкүмөтү буларды кызуу колдоп жакындан жардамда болуп, Үсөйүн Ажы, Сакен Өмүр, Мамбетказы Эминалы (Маанеке) катарлуу ушул салаада орду бар адамдарды ажыратып берет. Борбор, автоном район, автоном областтан турган үч орун биргелешип, оодан, айылдарга бөлүнүп «Манасты» иликтеп жазуу кызматын баштайт.
Люфажун, Үсөйүн Ажы, Мамбетказылар Жусуп Мамайды издеп Акчийге барат. Ал кезде Жусуп да мамлекет боюнча алып барылган «Оңчулдукка каршы туруу» аракетинде калпак кийгизилгендиктен, алар Жусупту Атызда иштеп жүргөн жеринен табышат. Алар Жусупка «Манас» айттырып көрүп, анын кереметтей өнөрүнө таңданышып, чыныгы талант ээсине жолукканына кубанышып, дароо ал айткан «Манасты» кол жазмага түшүрүүнү чечим кылып, Жусупту Артышка алып барышат. Жусуп Артышка барган соң Эшмат, Темир, Кабылакун, Намаз сыяктуу 20дан ашуун манасчылар менен таанышып, басакеге түшөт. Ошол ирээт текшерүүдө 70ден артык манасчынын аты тизмеге алынат. Жусуп Мамайдын «Манастын» 8 урпагын толук айтала тургандыгы жетекчилерди, манасчыларды жана башкаларды таң калтырат. Жусуп өзүнүн «Манастан» бөлөк элдик кенже эпос-дастан, санжыраларды биле турганын маалымдайт, кызмат группасындагылар түгөнбөс кенчке жолукканын, Жусуптун баа жеткис гөхар экенин таанып билүүгө жетишет. Жусуп өкмөттүн «Манаска» көңүл бурганына, алардын колдопкубаттоосуна сайкешип биринчи жолу «Манастан» 38 миң сап, «Семетейден» 27 миң сап, «Сейтектен» 19 миң сап, «Кененимден» 16 миң сап, «Сейиттен» 2800 сап айтып кызмат группасындагылар жазып алышат. Ошол кезде жазып алууга катышкан Үсөйүн Ажы ошондогу иштерди эстеп: «Ошондо Жусуптун курчуган чагы экен. Эртеликеч айт десек токтобой айтып берүүчү. Биздин үлгүрүп жазалбастыгыбызды билип, «Манасты» бир сап-бир саптан айтып берүүчү, Мамбетказы, Сакен жана мен жазганбыз, дегеле азайбачудай эле. Кээде обону жок кара ыр боюнча айтып берүүчү. Бир айтканда 2–3 саат токтобой айтып берүүчү. Кээде өзүн да жаздыруучу элек»,– дейт. Ошондо Намаз, Эшмат Темирлердин варианттары да кагаз бетине түшүрүлөт, Кызмат группасындагылар бир жактан манасчылардан «Манас» жазып алса, бир жактан кытай тилине которуп, басмага дайындап, ар кайсы гезит-журналдарга жиберип, «Манасты» тааныштыруу кызматын кең кулач жайдырды.
Жусуп Мамайдын варианты ошол кезде эле ханзуча, уйгурча которула баштап, «Манастын тою», «Көкөтөйдүн ашы» жана «Кененимден» үзүндүлөр ошол кездеги «Эл адабияты», «Тянь-Шань», «Таарым», «Шинжаң гезити» катарлуу басма беттеринде жарык көрдү. Кызмат группасындагылар Кызылсууда эки ай кызмат алып барган соң, алгачкы жолу ээ болгон табылгаларын чогултуп алып, кайтып кетишет. Жусуп Мамайдын манасчылыгы бүт Кызылсууга, автоном райондорго, андан Борбордук фольклорчулар коомуна дейре дүңгүрөп угулуп калып, тарыхчы, тилчи, адабиятчы, изилдөөчүлөрдүн назарын өзүнө тартат. 1962-жылы 6-майда Кызылсуу областтык партком ишканасынын катчысы Сейшумык Карабулак айылына кызматтарды текшерип барат. Элди жыйнап жыйын ачмак болгондо эл анча көп чогулбайт. Ошондо жергиликтүү башчылар Жусуп «Манас» айтат деген кабарды таратып жибериши менен кары-жаш, эркек-аял дебей бардык эл заматтын ичинде чогулуп калат. Ошондо бул баш катчы «Манастын» кыргыз элиндеги барк-баасын, аны айткан Жусуптун эл ичиндеги урмат-атагын билип кетет.
1964-жылы 6-айдан 1966-жылы 7-айга чейин болгон аралыкта «Манас» эпосун иликтеп жазып алуу, топтоо группасы (бул мамлекет аз сандуу улуттардын адабият, тарых, тил, санжыра казыналарын текшерүү коом жагынан уюштурулган) Кызылсууга кызматка түшөт. Бул группага жогоркудай үч орундан адам катышат. Тошяң менен Люфажун бул группага жетекчилик кылат. Кызматчылары Сакен Өмүр (жазуучу), Үсөйүн Ажы (тарыхчы), Пазил (кыргызча-ханзуча котормочу), Абдыкадыр Токторов (тилчи), Үсөналы Алымкул (катчы), Лац йың (котормочу), Шаңшижын (котормочу), Хизэйчиң (котормочу), Алтынай (жардамчы кызматкер) болгон. Бул жолку кызмат группасындагылардын амалын кызмат кубаты күчтүү болуп, булар кызматтын нишанын эки жакка караткан. Бири Жусуп Мамайдын «Манасын» толуктап жазып алуу, дагы башка дастан, санжыраларын түгөлдөй кол жазмага түшүрүү, Жусуптан башка манасчылардын айткандарын да жазып алуу, эл арасында сакталып жүргөн «Манастын» кол жазмаларын жыйнап алуу болгон, экинчи нишан «Манасты» негиз кылып кыргыздын коомдук тарыхын, этнографиясын, тил жазуусун, диндик ишенимин текшерип, «Манас» изилдөөнү материал жактан колдоону максат кылган.
Жусуп Мамай бул ирет «Манасты» мурдагы айтканынан көбөйтүп айтат. 6-урпак, «Асылбача-Бекбачаны» 45 миң сап менен айтып жаздырат. Ушул жолу айткан «Манастын» алты урпагынан 196 миң сап жазып алынат.
Кызмат группасындагылардын көп убакты Жусуптан «Манас» баштаган эпос-дастандарды жазып алуу менен өтөт. Жусуп ушул жылдары «Манастан» бөлөк кыргыз элинин кенже эпосторунан «Курманбек», «Толтой», «Эр Төштүк», «Мамеке-Шопок», «Тутан», «Көбөн», «Жаңыл мырзаларды» айтып, кол жазмага түшүргүзөт. Ошондо келген манасчылар өз өнөрлөрүн ортого салып салыштырат. Кимдин «Манастын» кайсы бөлүгүн айта ала турганы, аны кимден, кандай үйрөнгөндүгү аныкталат. Алар ушундайча абал алмаштыруу аркылуу Жусуп Мамайдын «Манастын» сегиз урпагын толук айта ала турган, айтканда да күн-түнү менен токтобой суудай айта ала турган, обону бийик, аткаруу ыкмасы өзгөчө, ары жагымдуу бирден бир залкар манасчы Жусуп Мамай экендиги аныкталат, алар Жусуптун талантына, бел чечпес кайратына алкыш айтат. Өз кезегинде Жусуп да, замандаш манасчылар дагы өзгөчөлүктөрдү өзүнө кабылдайт. Ошол жылдар Жусуп Мамайдын манасчылыгы үчүн эле алтын доор болуп калбай, өңгө фольклору үчүн да оорактуу доор болуп жоңго фольклор алкагында «Манас» сыяктуу үч чоң эпос жумурай журтчулукка таанылат. (Моңголдун «Жаңгыр», Тибеттердин «Гесар» эпосу айтылып жатат).
Тагдырга каршы «Манас» кызматынын жеңиши эми көрүнмөк болуп жатканда мамлекет боюнча козголгон «Маданият көңтөрүлүшү» башталып, бул үстүндө иштелип жаткан кызматтар токтотулуп, бул кызмат менен олтурушкандар өз жанынын алегинде калат. Жусуп Мамайдан жазылып алынган «Манастын» кол жазмалары Бейжинге алып кетилген бойдон жекелердин колунда из-дарексиз жоголот. Улуттун байыркы маданиятын изилдегендер, жөрөлгөлүү салт-санаасын иликтегендер калем кармап, элге рухий эмгек сиңиргендердин барлыгы «Эскини тирилдирген жайыл унсур» аталып, окшобогон жазаларга тартылса, кыргыз улутунун улуу эпосу «Манас» – «уулуу чөп» аталып айыпталат. Жусуп Мамайдын «Манас» айтып, залкар манасчы аталганы күнөө болуп, ага түрдүү жалаалар чапталып, ал «идея жактан өзгөртүлүү» үчүн өз жеринде оор эмгекке салынып, эл жагынан бакылоого алынат. Ушинтип, Жусуп Мамай дене жана руху жактардан узак мезгил тарткан жабыр айынан магдырынан кетип, буту ооруп, 5 жыл үйдөн чыга албай жатып калат. Бирок Жусупту тааныган эл эбин таап, аны издеп келип, анын болбогонуна койбой «Манасты» жашырын айттырып уга беришет. Кээ бир кишилер анын айрым бөлүктөрүн жазып да алышат. Эл өздөрүнүн кыйынчылыктуу күндөргө атайын сактап койгон майларын Жусуп «Манас» айтып тамагы кургап кеткенде берип турушкан.
1978-жылы 11-айда ачылган II кезектик партия Борбордук Комитетинин 3-жалпы жыйынында өткөн тарыхка туура баа берилип, каталыктардын түйүнү чечиле баштайт. Ошол жыйындын шарапаты менен «Манас» кызматы кайта колго алынып, 12-айда Жусуп Мамай Бейжинге чакыртылып, Борбордук улуттар институтунда туруп, кайтадан «Манас» айта баштайт. Мурдагы топтоп алынган «Манастын» кол жазмалары түгөл жоголуп, тек гана «Семетейдин» 1964-жылы Пазил жазып алган нускасы Люфажунда сакталып калат. Алдыңкы 6 бөлүктү издеп тапкыча болгон аралыкта Жусуп 7-урпак «Сомбилектен» 12 миң сап, 8-урпак «Чигитейден» 12 миң 300 сап айтып, Сакен Өмүр жазып алат. 1-урпак «Манас» табылбагандыктан аны да кайрадан айтат. Бул үч бөлүк жазылып бүтүп, Жусуп Мамай мунун бир канча жерлерин кайрадан аралатып көрүп болгунча 1979-жылы 12 ай болуп кетет да Жусуп Мамай үйүнө кайтып келет. 1980жылы Жусуп Мамай Шинжаң уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орун басар төрагалык милдетине белгиленип, Үрүмчү шаарына көчүп келет. «Манас» эпосу боюнча атайын кызмат ишканасы да курулат. Өкүмөт баштап акыры Жусупка ишенип, ал айткан «Манасты» колго алып иштөөнү зарыл жумуш катарына койгондуктан «Манастын» бүтөлек бөлүктөрүн кайра кагазга түшүрүү милдетин Жусуптун өзүнө тапшырат. Ошону менен Жусуп Мамай «Манасты» өзү айтып, өзү кол жазмага түшүрөт. Ал 1983-жылга чейин 3-урпак «Сейтек», 4-урпак «Кененим», 5-урпак «Сейит», 6-урпак «Асылбача-Бекбачаларды» кагазга түшүрүп бүтөт. 1989жыл Жусуп Мамай агасы Жумалы Келбайдын эстетүүсү менен 5-урпак «Сейиттин» кагаз бетине түшүрүлбөй калган орто жеринен 16700 сапты кайтадан толуктап кагаз бетине түшүрөт. Ошону менен Жусуп Мамайдын сегиз урпактуу «Манасы» бүтүндөй кол жазмага түшүп болот. «Манас» эпосу үчүн Жусуп Мамай бир өмүр тер агызып эмгек сиңирип, өмүрүн «Манаска» арнап келди. Ал ушул мээнетине жараша «Манасты» эч кандай күч теңдеше алгыс бийиктикке жеткизди. Ал «Манасты» канча ирет кайталап айтса да, эпостун бир бүтүндүгүн, мазмундагы тарыхый барактарын, эпостук көркөм багытын жоготподу. Жусуп өзү менен бирге «Манасты» да жашоонун тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман сактап келди.
Жусуп Мамайдын варианты ХХ кылымдын башында өткөн залкар манасчылардын варианты негизинде уюп кайта-кайта бышыкталып калыптанган вариант, бул вариант азыр дүйнөдө белгилүү болгон варианттардын ичинде ары көркөм вариант саналат. Ушул вариант 60-жылдарда кол жазмага түшүрүлүп, 80-жылдарда гана басмадан чыга баштап, бүгүнкү күндө 18 том болуп толук жарыкка чыгып олтурат. Бул кыргыз улутунун маданият тарыхында эң маанилүү улуу иш! Ушул жумуштун баштан акырына дейре таза аткарылышында залкар манасчы Жусуп Мамай өзү башында карап туруп күбө болду. Эң маңыздуусу «Манастай» улуу эпостун кыргыз эли арасында айтылып келгенин Жусуп Мамайдай залкар манасчыны далилдеп бере алабыз, мындан да зор мактанычты сезебиз. Азыр дүйнөлүк эпос сахнасында канча жүз миң сап көлөмдүү эпосту тизмектеп жатка айткан Гомер – ал кыргыздын залкар манасчысы Жусуп Мамай болгон.
Залкар манасчы Жусуп Мамай Шиңжаң Уйгур автоном райондук саясый масилет кеңешинин туруктуу мүчөсү, Жоңго эл адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун туруктуу аткаруу мүчөсү, Автоном райондук бирлик сап партия тышындагы демократтык заттар коомунун мүчөсү, Үрүмчү калаалык диний коомдун мүчөсү, Шиңжаң Уйгур автоном райондук «Манас» кызматына жетекчилик кылуу группасынын мүчөсү, Жоңго «Манас» изилдөө коомунун эрекче сунуш кылынган туруктуу башкаруу мүчөсү, «Манас» эпосу редакциялык коллегиясынын мүчөсү, Шиңжаң Уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орун басар төрагасы да болгон.
ЖУСУП МАМАЙДЫН КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЛАРЫ
- «Манас», төрт том 1-тому 1984-жылы, 2, 3, 4-томдору 1990жылы Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- ‹Семетей», үч том. 1-тому 1984-жылы, 2, 3 томдору 1991жылы Шиңжан эл басмасынан жарыяланды.
- «Сейтек», эки том. 1992-жылы Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Кененим», эки том. 1993-жылы 12-айда Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Сейит», эки том. 1994-жылы 6-ай Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Асылбача-Бекбача», үч том. 1, 2-томдору 1994-жылы 6-айда, 3-тому 1995-жылы 8-айда Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Сомбилек», бир том. 1995-жылы 8-айда Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Чигитей», бир том. 1995-жылы 8-айда Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Курманбек», бир том. 1984-жылы Кызылсуу Кыргыз басмасынан жарыяланды. Ханзучасы 1986-жылы Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Эр Төштүк», бир том. 1983-жылы Кызылсуу Кыргыз басмасынан жарыяланды, 7125 сап.
- «Толтой», бир том. 1985-жылы Шиңжаң жаштар басмасынан жарыяланды. 13733 сап.
- «Мамеке-Шопок», бир том. Ханзуча 1986-жылы Шынжаң эл басмасынан жарыяланды.
- «Багыш», бир том. 1991-жылы Шиңжаң эл басмасынан жарыяланды. 8944 сап.
- «Көбөн», «Шиңжаң кыргыз адабияты» журналынын 1981-жылдык 1-сан, 1982-жылдык 1-санында жарыяланды. 1400 саптан ашуун.
- «Тилекматтын баяны» (Санжыра, 1991-жылы Кыргызстандын «Алатоо» журналынын 9–10-санында жарыяланды.
- «Кыз Сайкал», бир том. 1944-жыл Шиңжаң эл басмасы жагынан жарыяланды. 9400 сап.
- «Жети каган», 1-урпагы, бир том. 1994-жылы Шиңжаң эл басмасынан казакча жарыяланды, уландысы бар.
- «Тутан», бир том. 1965-жылы жазып алынган.
- «Жаңыл Мырза», бир том. 1965-жылы жазып алынган.
- «Ажыбек», бир том. 1991-жылы жазып алынган.
ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРЫ
- «Мен Манасты кантип айтып калдым». «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы» жана «Жонго эпостор изилдөөсү» аттуу китептерде кыргызча-ханзуча жарыяланды.
- «Кыргыз эл оозеки адабияты жөнүндө кыскача баян» 1983жылы 2-айда Үрүмчүдө өткөрүлгөн Шиңжаң Уйгур автоном район боюнча алгачкы иреттик аз сандуу улуттар классик адабияты илимий талкуу жыйынында окулган жана арналуу журналга уйгур тилинде жарыяланган.
- «Кыргыз уул-кыздарынын аталышы» – «Тил жана котормо» журналынын 1993-жылы 2-санында жарыяланган.
- «Бабалардын жыл санагы» – «Тил жана котормо» журналынын 1994-жылдык 3-санында жарыяланды.
- «Төрт түлүк малдын аталышы» – «Тил жана котормо» журналынын 1993-жылдык 3-санында жарыяланган.
САЛТ
А.ТЫНЫБЕКОВ
ТЫНЫБЕКТИН ТАРЫХЫ
Тыныбек 1846-жылда Ысык-Көлдүн Кайнар деген жеринде туулган. Атасы Жапый абдан кедей киши болгон. Тыныбек он төрт жашынан тартып мергенчиликти үйрөнүп, дайым үзгүлтүксүз мергенчилик кылып жүрчү болгон. Тыныбек он сегиз жашында атасы Жапыйдын жумушу үчүн Каракол судуйесинин чакырыгына барып, Ысык-Көлдүн Биркулак деген жеринде жайлап алган үч түтүн жатакчыга келип конуп калган. Анда Тояна деген кыздын ырын ырдап, жатакчыларга эрмек болуп олтуруп, түн жарымы болгон кезде жатып калышкан.
Тыныбек эшикке атынын жанына жатып уктап калган учурда Биркулактан күн батыш жаккы көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө түрү башкача көрүнгөн чоң-чоң ат минген кылыч, мылтык, найза алган эң бир сүрдүү, айбаттуу көп адамдардын арасында болуп калганын көрүп, өзүнөн өзү коркуп, калтаарып турган. Ал турган көп адамдардын ичинен түлкүдөй сур ат минген, төө боз таар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазык, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келаткан жээрде муруту бар, эрди жука, орто бойлуу, сары чийкил жигит: – Ой, Тыныбек, бери бас, мындай кел! – деп жанына чакырып алып,– турган элдин баарын таанытайын, жакшылап байкап таанып ал, – деп алды жагында турган катарлашкан элди карай колун сунуп, бир-бирден көрсөтүп ырдап тааныштырат. Тыныбек бою балкыгансып карап турду:.
«Биринчи сапта бешөө бар. Берендер ошол көзүң сал.
Бир-бирден айтып берейин Белгилеп баарын таанып ал.
Оң жагында экөө бар,
Сол жагында экөө бар,
Ойроттун ээси ошондо, Ортосунда бирөө бар:
Аккула сындуу ат минген,
Ак олпок сындуу тон кийген Аккелтесин асынган, Арбагы журттан ашынган. Сыр найзасы калкылдап,
Кылычы белде жаркылдап,
Калың колду башкарып,
Карап турган баркылдап,
Кабагы бийик, өңү саз,
Жердеген жери кең Талас Таанып алгын ушуну Кабылан баатыр эр Манас.
Мусулмандын агасы,
Кан Жакыптын баласы,
Казат үчүн туулган Калың журттун Манасы. Арбагы тирүү баатырды Абыдан байкап карачы!
Оң жагында залкайган,
Сарала ат минип заңкайган,
Ай кулагы калкандай,
Алагар көзү чолпондой, Эки ийнинин арасы Эки азамат конгондой.
Кара мурут, нур жүздүү
Карасаң көзүң тойгондой,
Качырып чыкса душманды
Кан жуткуруп сойгондой,
Азиз кандын Алмамбет
Аныктап байкап таанып ал,
Айтсаң оозуң толгондой Арбагы тирүү Алакең
Ар качан жардам болгондой.
Алакеңдин жанында:
Көкчолок сындуу ат минген, Көк күбө сындуу тон кийген, Ак сакалы чүчтөдөй
Устуканы мистедей.
Күлүмсүрөп сүйлөгөн,
Күлдү журтту бийлеген, Чырымталын жойбогон,
Чырайы кетип оңбогон,
Маңдайында тырыш жок,
Ак жүзүндө бырыш жок,
Сүлөөсүндөй керилген, Сүйлөсө адам эриген,
Караңгыда жол тапкан,
Капыяда сөз тапкан,
Карыя Бакай аксакал
Как ошону таанып ал.
Баатырдын сол жак жагында: Көкала аты алдында
Жазы маңдай, жайык төш,
Жалын жүрөк, кыргый көз,
Кырдач мурун, жаагы узун Сейрек сакал, кара сур Кыраан Чубак мына ушул. Аттанып чыкса акжолтой,
Атышкан жоого сан колдой,
Сапарга барса акжолтой,
Сайышкан жоого сан колдой,
Айкөл Манас баатырдын
Адамдан жакын ынагы, Анык байкап таанып ал Акбалтанын Чубагы.
Эр Чубактын жанында:
Көктелки минип камынган,
Ак шумкардай чамынган
Калың кошуун душмандан Жалтанбаган жалындан,
Кабылан баатыр Манастын
Бактысына табылган, Ойроттон келип эр Сыргак Он жашында кабылган. Бу дүйнөдө жолдошу, Акыретке колдошу.
Алмамбет, Чубак катарлуу Айтылуу Сыргак жолборсу. Атка жеңил, тайга чак,
Акылман баатыр эр Сыргак Аты, тонун белгилеп Айтып жүргүн аныктап. Экинчи сапта кырк киши Эрендердин баары ошол.
Кырк чоро болуп атанын Кылымды бузган шер ошол. Арбактуу баатыр атамдын Атышкан жоого бели ошол. Арка жакта калың эл Алты сан ногой эл ошол. Алмамбеттин Күлчоро Айтып турган мен ошол.
Жанымда турган жайнаган, Жарагын күндө шайланган,
Кызыл буурул ат минген,
Кыл мурутун имерген,
Кошунсуз жоону колоткон,
Коңурбайды сойлоткон,
Эки чоро ээрчиткен
Энедей багып телчиткен,
Эрегишкен душмандын
Эсебин колго беришкен,
Агыштын уулу Толтойдун
Атын мага мингизген,
Чынкожонун кара олпок Канчорого кийгизген,
Жетим калып жетилген,
Кундактагы кезинде
Он эки жылы тентиген,
Ногойду кайра чогултуп
Калыбына келтирген,
Белин бекем бууган бул,
Бежинден жылкы кууган бул,
Алмамбеттин куну үчүн Бежиндеги беренден, Бешти өлтүрүп сууган бул.
Манастан жалкы тууган бул,
Баатырдын кунун кууган бул, Коңурбайды өлтүрүп Колун канга жууган бул.
Канчоронун агасы,
Күлчоронун абасы
Айтылуу баатыр Семетей – Айкөлүңдүн баласы.
Баарысын бирден көрсөттүм, Көнүлүңө жат кылып, Эс токтотуп карачы!
Кайыптан бизге туш болдуң
Кайталап баарын саначы, Калтырбай жүргүн оозуңдан Зайыпбуруш Манасты. Катарга кирип сен дагы Калар жагын карачы.
Калыкка чыгат атагың
Кабыландын нускасын
Калың кыргыз элине Калтырууга жарачы!» –деп көлдүн күңгөй жагын көрсөтүп:
– «Тээтиги маңдайкы карарган калың эл Коңурбайдын колу, бизди кууп келди. Бирок биз эми тосуп туруп алдынан кайра сайып тымтыракайын чыгарып кетебиз. Андан качкан бойдон кетпейбиз.
Эми Тыныбек, эртең конгон жериңде кара кой союлат, ошону Манас баатырдын арбагына атап койгун. Ошол кой сойгон жердеги элге баатырдан ырдап бер. Эгер баатырды айтып жүрбөсөң майып болуп каласың», – деп сөзүн бүтүрө электе Манас баатыр кылчайып карап: – Ой, Тыныбек, биздин ушул жүрүшүбүздү таштабай айтып жүр! – деп караганда көзүнө тик багып карай албай: «Макул, баатыр», – деп Тыныбек жерди карай калганда: «Жүргүлө тигини тосуучу убак болуп калды», – деп күңгүрөнгөн айбаттуу каңырт угулуп, калың эл дүрбөп, жердин бети уюган чаң болуп кайда кеткени билинбей, жер дүңгүрөгөнсүп калды. Тыныбек чочуп ойгонуп караса атынын жанында, төшөгүнүн үстүндө өзү тердеп, алы куруп чарчагансып, жүрөгү түрсүлдөп жылаңайлак, жылаңбаш олтуруп калган.
Караса, таң жээктенип агара баштап калганын көрүп, атымды отко коёюн деп тери кургабаган, демиккенсип турган атынын жүгөнүн алып кишени менен отко коюп, жүрөгү токтолбой ары-бери басып туруп, жер жарык көрүнгөндө баякы дөбөгө барайынчы деп жөнөп калды. Дөбөнүн тегерегинде орто кемегедей жаки табактын оозундай аттын издерин көрдү. Түндөгү өзү турган жерге барса жылаңайлак кишинин изи бар. Өтүгүн чечип бутун ченеп көрсө кадимки өзүнүн изиндей болуп көрүнөт. Олтуруп куран окуп, бата кылып дөбөнүн тегерегиндеги издерди көрүп айран-таң калып, Күн чыгарына жакын кайтып келип атынын терин кырып, сугарып, бир аз чалдырып алып, жатакчылар менен коштошуп жөнөп кетип баратып уйкусу келип бастыра албай, кишенин салып атып коё берип, Кызыл суунун боюна жатып уктап калды.
Түш ооган маалда: «Ой, Тыныбек, турбайсыңбы!» – деген үн чыгып аттын дүбүртү келгендей болду. Чочуп ойгонуп кетип эки жагын караса эч нерсе жок. Аттанып алып жүрүп олтуруп Шалбадагы жыйырма чакты үйлүү жатакчыга барып түштү. Дөңсөө жерде олтурган бир топ элдин жанына барып олтурары менен он-он бешче кой айдап, кымыз артынган бир топ жигиттер келип, олтурган элдерге кымыз берип: – Баатыр, сен кайдан келдиң? Кайда баратасың? Ким болосуң? Кимдин баласысың? – деп жөнү-жайын сурашыша, биринен сала бири эрмектеп олтурушат.
Тыныбек жөн-жайын айтып болгондон кийин: – Ээ мырза, немине өнөрүң бар? – деп кымызга кызыган жигиттер келеке кылып сурай беришти. Тыныбек «Тояна» деген ырым бар», – деп жооп берди. – Ээ, «Тоянаңды айтып көрчү угалык?» – дешип жан-алын койбой кыстаганда: – Баатырлар, «Тоянаны» таң аткыча айтамын, аны үйгө кирип айтып берейин, чарчап турам бир аз эс алып алайын, – деди.
- Жо-ок, кичине айтып көрсөң, жакшы болсо кой союп айттырабыз, – дешип эриккен жигиттер жаалаганда бир топ абышканын бирөө – кара чапанчан узун бойлуу кара киши: – Ой, балдар, бул баламдын «Тояна» деген ыры бар турбайбы. «Таң атканча ырдаймын», – деп олтурбайбы, бир коюңарды алып келип союп, бир чоңураак үйгө кирип, балдардын баарын чакырып алып койдун этин жеп, бул баламдын ырын угуп, эртең ошол койдун ээсинин жумушун көптөп ашар кылып бүтүрүп бербейсиңерби?
- Макул, макул, абам ырасын айтат, Токомдун үйүн тазалап кийиз салып, ошондо олтурабыз,– дешип топтошуп турган койдон бир кара койду алып келишти.
Кара койду көргөндө Тыныбектин эсине түшүп Манас баатырдын арбагына атадым деп ичинде арнап олтурат. Токтосун аксакалдын үйүнө шыкала олтуруп: «Кана-кана, баатыр, өнөрүң болсо сал эми» – дешип карап олтурушту. Тыныбек «Тоянаны» айтайын деп оңтойлонсо: «Ой, Тыныбек, Манас баатырды айтмак эмес белең», – деп аркасынан түртөт. Чочугансып Тыныбек эки жагын каранып, ырдайын деп «Тоянага» камынса: «Ой, баатырды айт», – деп дагы түрткөнсүп калат. Караса, киши жок. Тыныбектин бул ишин билген да киши жок. Тыныбек катуу кыйналып айтайын десе «Манасты» билбейт, билген ырын айтууга арка жагынан бир нерсе уруксат бербейт. Кара терге чөмүлүп: «Алдагандай бир кысталган ишке калдым», – деп терин шыпырып өзүнөн өзү кыйналып жатканын билбей «Кана баатыр, кана сен качан ырдайсың? Таң атып кала турган болду же бул элди шылдың кыласыңбы?» – деп ар кимиси капааттап жемелей баштады.
- Ой, сен алды-артыңды каранып эле коёсуң, чымының бар баласыңбы? Айтсаң айтпайсыңбы? Айтпасаң бул койду төлөйсүң, – деп ачуулана беришти. Кысталгандан чыдай албай «Манасты» айтып берейинби? – деп Тыныбек эки жагын каранды. – Ой-боой, бул эргул чоң жомоктон баштамак болду го, жакшы болот, «Манас» айтып бер, кана, эми башта, – дешип, баштагыдан бетер «ии-ии» дешип элдин баары карап калганда, кийин көзүн чылк жумуп алып «аа» деп «Манасты» баштап калды.
Эмне айтып жатканын өзү билбейт. Эт бышымга шакылдатып ырдап олтуруп бир убакта талып жыгылып калды. Бирак аяк жагында сөзү билинбей эле кулдурагансып калды. Олтургандар: «Ата курган баланы ырдатабыз деп өлтүрүп алмак болдук бейм да? Же бакшы сымак балабы?» – дешет. – Койгула, балдар, бул бала жаңыдан оолугуп жүргөн бала турбайбы. Шылдың кылбагыла, балдар, этиңерди жеп, тарагыла, – деп Токтосун аксакал этти чыгарып, элге берип, Тыныбекти ары-бери тарткылап ойгото албай, үстүн жаап коюп, жатып калышты.
Эртең менен Тыныбек эс алып туруп калган, бирак өңү саргарып, бүткөн бою тырышкансып калган. Токтосун: – Балам сен немине болдуң, ырдап жатып эле талып калдың, качантан бери ушундай болуп жүрөсүң? – деп сураганда: – Ээй, аба, менден сөз сурабаңыз, – деп уялгансып, аттанып жөнөп кеткен.
Тыныбек Караколго барып атасы Жапыйдын чакырылган судьядагы ишинен көп олжолуу болуп, эки-үч күнү Караколдо туруп, үйүнө кайтып баратып жолдо «Манасты» ырдай берген.
Төмөн бараткан жолоочулар кошулуп алып жогору бараткан жолоочулар кайра тартып, бир канча жерге ээрчип барып, кайра тарткандары болгон. Бирок анда талыбай эле эки күн, бир түн жолдо ырдап барган Тыныбек үйүнө келип кадимкидей эле мергенчилигин кылып жүрө берди. Бирак үйүндө ырдабайт, талаада жүргөндө үзбөй ырдап жүрүүчү болот. Бул арада эки жыл өттү. «Тыныбек «Манасты» ырдайт экен дейт» деген ар кимдин сөздөрү Жапыйга угулду. Алачыгында уктап жатканда ырдаганын ата-энеси, айыл-апасы угуп жүрүштү.
Бир күндөрдө элди чогултуп, айыл-апасын жыйып алып Жапый Тыныбекти «Манас» ырдатты. Бир күнү таң атканча ырдап Тыныбек талып жатып калып, бир күн, бир түнүндө эс алып турду. Тыныбектин манасчы болоруна көзү жетип, Жапый ойлонуп: «Бул баламды чоң манасчыларга жиберип, алардан үлгү алдырып жана чоң ырчыларга сынатып, баламдын көзүн ачып анан элге ырдагыдай кылайын» – деп кийим-кечесин жамап-жаскап, аты-тонун түзөгөнсүп берип, Чоңбаш деген манасчыга жиберди. Чоңбаш кандай ырчы эле дегенде – Чоңбаш кыргыздын эң алдыңкы жомокчусунун бири эле.
«Чоңбаштын айткан жомогу ай! » – дегенде элдин оозунан көк түтүн буркурайт эле, Тыныбек Чоңбашка барып эки айча жүрүп келди. «Чоңбаштан үйрөнүп келдим», – деп «Манастын кайсы бир окуяларынан ырдап берет. Он-он беш күнчө кийик уулап, мергенчилигин кылып, бештегенондогон кийиктерди атып келип үйүнө берип, кайра дагы Чоңбашка кетет.
Кайра барганда Чоңбашты ээрчип, атын токуп ырдаганда ырын угуп, ырдабаганда Манастын тарыхынан сурап алып үч айча бирге жүрүп, көп түшүнүк алып келди. Андан кийин көл башында Акылбек, Келдибек деген жомокчулар бар деп, көл башына барып буларды көрүп, бир айча жүрүп, бул ырчыларды «Чоңбашчалык ырчы эмес» экен деген сынды берип келди. Тыныбек Балык ырчыга да барган. Анан дагы Манастын тарыхын көп сурап, кайсы бир жерлеринен пайдаланган.
Кыскача айтканда, Тыныбек өз тушундагы кыргыз элинин манасчыларынын көпчүлүгүн көрүп, кайсы бирлери менен сабакташ болуп, бир-биринен үлгү алышкан. Тыныбек 25 жашында кыргыз элинин дурус манасчыларынын бири болуп эсептелген. Бул учурларда көл башында Назар ырчы «Манасты» жакшы айтат деп көпчүлүгү айтып: «Жо-ок, Тыныбек жакшы айтат» – деп Чыныбай айтып, мелдеш коюшуп, киши чаптырып, Тыныбекти Караколго чакырып алып Назар менен ырдаштырып көрүшкөн. Бирак бул ырчыларга Манастын өлгөнүнөн тартып Манастын күмбөзүнүн салынып бүткөн жерине чейин гана айткыла деп өлчөм кылып беришкен. Назар бир жарым күн ырдап бүтүргөн. Бул киши күмбөздү Надир деген устага салдырган. Экинчи күнү Тыныбек ырдап дагы бир жарым күндө бүтүргөн. Тыныбек күмбөздү Намангандын үстүндө, Анжияндын астындагы кызыл арыстан эшенге салдырган.
«Манастын күмбөзүн же олуя салбаса же ошондон бир эшен салбаса мынча кылымга ал күмбөз турар беле», – деп Чыныбай жеңди болуп, жүз сом, бир ат мөрөйүн беришкен. Бирак ал кезде көтөрмөгө алганда бир койго бир сом алуучу. Ошол убакыттардан тартып кыргыздын чоң манаптары, чоң байлары Тыныбекти чакыртып алып бир ай-эки ай ырдатып алып жүрүп кетиргендери болгон.
Мисал үчүн Шабдан, Байтик, Өзбектер Токмокто Сооранбайдын багы деген жерде чоң топ болуп, ошондо чакыртып отуз күн удаа ырдатышкан. Кайсы бир жерлерде: «Тыныбек, бул «Манасты» кандай кылып айтып калдың? Кимден үйрөндүң?» деген суроолор болгон. «Бул «Манасты» көп кишилерден сурап жана көп улама адамдардан угуу менен толуктап айттым. Бирак ырдаган учурларда өзүм арасында жүргөндөй болуп түрлүү окуяларын элестеп кетем», – деп жооп берген. «Сенден үйрөнүп жүргөн кишилер барбы?» – деген суроолор болгондо: «Менден да үйрөнүп, сурап жазып алып жүргөндөр бар». Алар ким дегенде: «Сагынбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Касымбай, Байбагыш, Кожоберди, Доңузбай, Жакыптар жана башкалар дагы бар», – деп жооп берген. Жана Тыныбек үйүндө бир ай, эки ай туруп калган күндөрүндө, Манасты ырдабай калганда өз ырын өзү сагынып калгандыктан, айыл-аймагын жыйнап алып өз үйүндө да ырдап берип жүргөн.
1898-жылдарда Нарын учаскебайы «Манас», «Семетейден» жазып бер деп буйрук кылганда Тыныбек «Семетейден» жазып берген. «Бирак жаздырып алууда кандай болуп чыгарлыгынан түшүнүк албагандыктан толук жазып бергеним жок», – деп Тыныбек айткандары бар.
Ал жазып берген «Семетейи» «Казань» басмасынан арапча тамга менен чыккан жана ушул «Манасты» ырдаштын аркасы менен малдуу болуп жана бий болуп да жүрдүм», – деп Тыныбектин айткандары болгон.
1902-жылда Нарындын Байдуулу туюк (Байдоолу туюк (?) деген жеринде ооруп жатып баласы Сооронбай менен жээни Байбагышты ырдатып көрүп: – «Балам Сооронбай, сен көп арбыта албайсың го, Байбагың болсо дурус жомокчу болуп калган экен»,– деп сын берип олтурганда өзү демигип араң жатып: – «Кайран баатыр, кайран Манас баатыр, кош!» – деп ырдаганы:
Ырдасам элим кубанган,
Даңкымды элге чыгарган, Ырыскы болуп мен үчүн Дөөлөткө сыймык уланган. Казандаган калың журт Кануучу белең кумардан?
Баатырдын атын укканда
Барлык эл сүйүп чакырган
Тарыхы сөзүң угууга,
Талайлар киши чаптырган, Таштабай айттым сөзүмдү Өзүмө-өзүң тапшырган.
Тагдырга жакын болгон бейм
Танып барам акылдан, Кыргызга нускам калбады Кыраан Манас баатырдан.
Арманым ушул, калайык,
Арбактуу эрди таштабай
Айтса экен элим артымдан, –деп Тыныбек сөзгө келе албай эси оогандай болуп олтургандар менен кош айтышып кеткен. 1902-жылдын сентябрь айында Тыныбек элүү алты (56) жашында өлгөн. Ушул күнү түнкү саат он (10) болгон чамасында жаркырап тийип турган Ай улам-улам кичирейгенден кичирейип барып карайып Ай тутулуп калганда, эл чуркурап азан айтып жиберген.
Бир убактыларда Айдын томдосу чыгып, киргил тартып, тийип туруп гана Ай батып кеткен. Тыныбек качан өлдү эле деп бири-биринен сурашканда баягы Ай тутулганда өлбөдүбү дешип белгилешип жүргөндөрүн укканбыз, – деп бул айтылган Тыныбектин тарыхын баласы Сооронбай айтып жүрүчү.
КЫРГЫЗДАРДЫН УЛУТТУК ОЮНДАРЫ
Кыргыз элинин улуттук оюнун жазып берүүчү адамдын кыскача таржымалы жана жазган убактысы: Мен, Актан Тыныбеков, 1887-жылда азыркы Тянь-Шань облусу, Нарын районунун Миңбулак селсебетинин «Үрнөк» колхозунда туулгамын. Атам Тыныбек Жапыев деген киши 18 жашынан «Манас» баатырды ырдап жүрүп, ошол манасчылыктын аркасы менен бий болуп өткөн киши эле. Ал 1844-жылында туулуп 1902-жылда, 56 жашында өлгөн.
Мен болсом, 1900-жылы 13 жашымдан тартып комуз үйрөнүп жүрүп, 18 жашымда Көтмалды деген жерде топто Мураталы, Калык, Куйручук, Карамолдолорду көрдүм. Ошондон тартып комузчу болуп келдим. 1923-жылда сабеттик олисбөлкөм болуп иштедим. 1928-жылдан 1931-жылга чейин волостук табарышыстыба болуп иштедим. 1932-жылы башкарма болуп колхоздо иштеп туруп, 1933-жылдын аягынан Нарын районунда радио-узелде иштеп, 1935-жылдын 1-мартынан Кыргыз театрында иштеп келип, 1936-жылдын октябрь айынан тартып, 1946-жылга чейин кыргыз филармониясында иштеп турдум.
1940-жылдан бери кыргыз жазуучуларына мүчө болуп, колдон келишинче чыгармаларымды берип турамын. Жана Кыргыз илим изилдөө бөлүмүндө да «Көкөтөй», «Таша Кудаш» деген эки поэма кол жазмаларым 1941-жылдан бери ужутка ашбай жатат. 1941-жылдагы Ата Мекендик согушка арнап жазган кыскача чыгармаларым болсо бирин-сериндеп филармониянын артист, артискелеринин номурларында эл арасына айтылып жүргөндөрү бар. Көпчүлүгү архивдерде калды. Жана ушул убактарда да Жазуучулар союзуна илим изилдөө бөлүмүнө колдон келген эски, жаңы чыгармаларымды берип турамын. Бирок көрүнөрлүк эмгекти сиңире элекмин. Анын себеби чоң эмгек кылууга, биринчиден, билимден кабарым аз, окумушум жок. Экинчиден, кемандирепкеде көп жүрөмүн. Үчүнчүдөн, жашым 59да жана ден соолугум начарыраак. Ушул кыргыз элинин улуттук оюндарын жазып берүүдө да кыйла шарттары эсимден чыгып калгандыгы сезилди өзүмө. Кыскача тарыгым ушул. Кыргыз элинин тойго керек болуучу жана жоокерчилик убактарда алып жүрчү инструменттери: сурнай, керней, чоор болучу. Комуз, кыякты азыркы убактарда пайдаланып турабыз. Булар эч качан жоголбос орун алды. Себеби музыкалашып жана буластинкеге алынып, нотага жазылып, маданият инструменттери болуп калды. Бизден калып бараткан инструменттер: чоор, сурнай, кернейлер болуп баратат. Кыргыз боюнча Жунушалы деген Талас облусунун Киров атындагы райондо гана бир киши бар. Ушул керней, сурнай, чоор – кыргыз элинин шаңдуу инструменттеринин бири эле. Эми кыл кыякчылар да аз болуп бараткансыйт. Доолбас деген ал жоокерчиликте гана керек болучу. Анын азыр дайны жок нерсе деп ойлоймун. Төмөнкүдөй тамашаларда чоор, сурнай кыргыз элине көп кызмат берген. Себеби «ат чубат-ат чубат» деген чоорчулар аттардын алдына түшүп алып жөнөй баштаган. Сурнай тартып бир жакты бет алса элдин баары ошо жакка бет алып жөнөп калып сурнай токтогон жерге эл токтолуп калган.
- – т ү ш ү н ү к. Кыргыз элинин бир миң жыл чамасындагы ойнолуп келе жаткан улуттук оюндары: «Балбан күрөш», «Эр сайыш», «Жамбы атыш», «Ат чабыш». Бул оюндар Манас баатырдын убагындагы Көкөтөй хандын ашында ойнолуп өткөндүгү бардык элге белгилүү. Себеби манасчылар илгертеден бери айтып келе жатышат. Манастын уулу Семетейдин убагында улак тартуу дагы болгон экен.
- – т ү ш ү нү к. Кыргыз элинин Өз жүз жыл чамасынан берки келе жаткан улуттук оюндары: «Балбан күрөш», «Эр оодарыш», «Көз таңмай», «Аркан тартышуу», «Таз сүзүштүрүү», «Тыйын эңмей», «Жылаңач чабышуу», «Өпкө чабышуу», «Жөө чабыш», «Эр сайыш», «Жамбы атуу», «Улак тартуу», «Айгыр чабуу», «Аялдардын сайышы», «Аял оодарыш», «Ат чабуу», «Кыз куумай», «Ордо атышуу», «Тогуз коргол оюну», «Упай атышуу», «Кыз берүүдөгү майда оюндар», «Төшөк талашуу», «Кыз оюну», «Чакмак алышуу», «Оромпой тебүү», «Дүмпүлдөк», «Шабият оюну», «Элден-элден эл чабар», «Токту сурамай», «Селкинчек», «Ак чөлмөк», «Жөө оодарыш», «Сартча алышуу», «Чикит чапмай», «Көлгө түшмөй», «Жашынмак», «Маңгал уруу», «Жоолук таштамай», «Эшек секиртмей», «Каным, дат!», «Жедирмек – сасымай», «Кан таламай – өкчөмөк», «Уюм тууду», «Төө чечмей».
Кыргыздын улуттук оюндары түрлүү мезгилдерде болот. Чоң аш, чоң тойлор боло турган болсо абал мурда ошол аш, той берүүчү кишилер өз жамаатындагы эстүү кишилерге кеңешип туруп, ошол бир болуш жер бир район элинин ар бир топ башы адамдарына кеңешүү үчүн үй көтөрүп, мал союп камынып туруп, көпчүлүк элди чакырат. Ар бир район элдин ар бир айылдарынын убакилдери келип, бул аш берүүчү кишинин ашты чоң берерине ылайык боло турган кубатын өлчөп көрүшөт. Маселен, канча район же канча дубан элди чакырууга туура келет. Канча үй тигилсе келген конокторго жетишет жана канча күнү конок алынат. Мисал кылып айтканда, кыргыз элин бүт чакырса жана чектеш туугандар: казак, өзбек элдериндеги сөөк-тамырларын дагы чакырууга туура келет. Андыктан казак, кыргыз, капыр, мусулманды чакырган чоң аш болду делет. Андай чакырылып калган убакта бул аш берүүчү айылдын бир району бүт дээрлик конок алууга болот. Андан кийин ошондой көп эл чакырганда ат чабыштын байгесин долбоорлоп коёт. Маселен, 25 атка байге сайылса биринчи аттын байгеси беш жүз жылкы же миң кой жана башкаларга окшогон… Бул кеңештеги элдин баарына макул болгон чакта ошол элдин кеңеши боюнча жогорку айтылгандай көп элди чакырып бир ай мурда кат жазып кабар берет: «Балан айдын он бешинде балан жерге конуп, балан күнү кемеге казылат» – деп. Ошол каттын сөзүнө карай кабар уккан элдер камына баштайт. Күлүк, жорголорун таптап жана кыйын саяпкерлерге күлүктөрдү таптатып балбандарга теке жаргак шымдарын жана сайышка кире турган кум салып жасалган кементайларды, ээр, токум, жакшы аттарды камдап, жөө балбандарга буудай майлап берип, узун арканга жаткырып, бир убак күрөш, сайыш, оодарышка окшогон оюндарды эскертип өздөрүн туушап турушат.
Аш берүүчү элдер болсо айтылган жерине убагынан калбай болжолдуу үйлөрдү алып келип тигип, союштарын белендеп коюшат. Жана аш берүүчүнүн сөөк-тамырлары дагы үй тигип, конок алууга камынып турат. Баягы болжолдуу күнгө карап күлүк аттуу элдер ат сүрөй турган эл сүрөөнгө барарлык тың аттардын этин жеңилтип жаратып жүрүүчү.
Баякы кабардагы каттын болжолуна карай аш, той берүүчү элдер даярланып турганда алыстан келүүчү элдер дагы келип конокко алынуучу. Эртеси элдин баары аттанып тамаша кылуучу жерге жалпы чогулганда сурнайчылар сурнайын, жарчы болуп аталган ырчылар боло турган тамашанын байгесин жана кайсы урук менен кайсы уруктун беттешээрин дааналап жар чакырып, элди жалпы аттан түшүрүп, обочо олтургузат. Аш, той берүүчү элдин башлык кишисин абдан чоң киши кылып көрсөтүп, элге мындай дейт:
– Калк чогулган көп айтат, Баланча баатыр бек айтат. Уруулуу элге той кылган
Ушунча журтту кондурган Түкүнчө баатыр лөк айтат. Атыңды минип дүрбөсөң, Бириңди бириң жүр десең Азабыңды көрөсүң!
Атыңды түшүп бересиң. Аны менен тим болбой
Алты ай набак төлөйсүң.
Балбан күрөш: а) балбан күрөш аштарда, кыз берген тойлордо, бала отургузган тойлордо, келин алган тойдо, кээде чоң жоро, чоң шернелерде, айттарда жана советтик чоң майрамдарда болот; б) балбан күрөштүн тартиби: аттана чаап дүрбөп калса ырайымсыз атын жыгып алары чын. Жана боло турган тамашаларды башкарып калыс болуп тура турган ар бир урук элден бирден киши калыс болуп элдин орто жеринде атчан турушат. Эл тынчтанып калган кезде ырчылар дагы жар чакыра баштайт:
«Багалектен түрүшкөн,
Булчуңдарын үзүшкөн,
Эл намысын кетирбей
Букаларча сүзүшкөн,
Балбандыгы Кошойдой,
Басмырттыгы ошондой,
Балбаның болсо топко сал, Жыгып берсе байгеңди ал» – дейт.
Теке жаргак шымдарын тизеден жогору түрүп, багалектин учун көзөп ычкыр кашатка кошо байлап, кең шымдарын балактатып, чапанын жамынып, өзүнүн элин кыдыра басып сыңар тизелеп олтура калып, колун жайып, элден бата алып көпчүлүктүн «үстүн бол!» деп «чур» дей түшкөн алкышына бел байлап күрөшкө чыгат. Атактуу чоң балбандар сүзүшкөндө чоколок жалгыз аяк чийлер жылаңайлак буттун бармагы менен буурсундун мокок тиши алгандай чийлер жулунуп калат. Чындап кармашканда билектен, моюндан, кый сүбөдөн кармашканда балбандар аябай кармап билеги сыйрылып, могон кызарып жана сүбөнү жулуп да алышат. Агер чалмачы балбан болсо, таамай чалып алса жыгып же жыгылып тынат. Чалмачы балбандын көпчүлүгү жыкпай койбойт. Байгесине кайсы жыкканы бир тогуз малды алып кетет.
Эр оодарыш. Анын артынан оодарышка чыгуучу балбандарды алып чыгарда бир урук элдин жарамдуу аттарын алып келип, эки киши минип алып качырышып жана тартышып көрүп аттардын басымдуусун токуп, ээрдин үстүнөн тарткан басмайылдан башка ээрдин алдыңкы тарабынан дагы бир басмайыл тартып, үч-төрт камчыны арасына салып, көрпөчөнү бөктөрүп боочосун абдан бышыктап багалегин учунан канжы менен бек байлап, өтүктүн кончуна салып кийгизип, буту чылбырдан ычкыр өткөзүп байланат. Башын жоолук менен бууп же болбосо топучан болот. Өтүк, шым, топудан башка кийим болбойт. Бирак эмчектүү үзөңгү теминет. Ал колдон же шымдан алып тартып турганда наркынын атын омуроого же колтукка тээп тартса наркы аттын эти ооруганда качык болуп майышып калсын деген амалы болсо керек. Бул оодарышта түрлүү айлаларды кылат. Кээ бир балбандар тартышкан жагы үзөңгүнү бутунан чыгарып жиберип атынын нар жагына түртүп жиберет же ошол бутун ээрге басып да алып кетет. Агер өтүгү суурулуп кетсе алдырбай калат. Албетте, аттын жакшысы көп жөлөк болот. Бирок да бир минип түшкөндөн башка ат же кийим которуп жаңылабайт. Жана кайра оңдобойт.
Көз таңмай. Көз таңмай деген оюн ашта, тойдо жана келин алуу, бала олтургузулуп, чоң жоро, чоң шернелерде болот. Бала төрөгөндө көз таңмай деген оюндун тартиби, андан кийин көз таңмай болот. Ал көз таңмайга ар бир талаптуу киши чыгат. Мен чыгам деген кишинин көзүн баягы калыс кишилерден келип, бул урук элдин кишисинин көзүн башка бир уруктан чыккан калыс тарабы өтө тыкыс жоолук менен жылчыксыз байлайт. Алардын көзү байлана электе элдин орто жерине узун таяктын учуна жоолук байлап жерге бекем сайып койгонун көрсөтөт. Анын байгесин жарчылар мурда угузган болот. Көзү таңылган кишилерди жанагы таякты таап ал деп туштарабынан баарын тең коё берет. Мында карап олтурган көпчүлүк элге күлкү пайда болот. Анткени баягы кишилер ар бир жакка темселеп кулач жайып баса берет. Кээ бир кыраакы сымак кишилер таякты бет ала басканда анын эли: «Оо, кургурум эми түз баскай эле» деген сөзгө келет. Бирак кишинин атын айтып катуу үн чыгарыш элдин колдоосунда болбогон үчүн өз ара гана акырын сүйлөп олтурушат. Баягы таякты көздөй бараткан киши өтүп кеттимби деген ой менен кайра тартып же башка жагын көздөй бурулганда эл күлүп калат. Башка бир кишилер ылдам басып олтуруп отурган элди карай келатканы да болот. Кай бирлери элден узай албай эле тегеренип жүрө берет. Бул ортодогу көзү таңылган жыйырма-отуз кишинин ар биринин ар бир жакта жүргөндөгү борумун көрүп эл күлө берет. Кайсы бирлери кулачын жайып баратып бирине бири урунуп алып чочуп кетет. Экөө эки жакка жалт берип кетишет. Анда дагы күлкү. Кай бирлери бирин бири кучактап такалат. Агер арык же ийиндүү жерлерге дуушар болгондору көмөлөнүп кетет. Анда бир амал болот: бир киши таякты көздөй түз баратса анын өзү тарабынан бир үнү белгилүү киши арка жактагы күлүк аттарды бастырып турган балдарды чакырган болуп катуу үнү менен бери эле түз бастырып кел деп артын карап кыйкырат. Ошонун үнүн болжоп баягы киши таякты таап алуу мүмкүн. Бирак андай амалдар мурун эле макулдашып алгандыгы белгилүү.
Аркан тартышуу. Ал тамашанын артынан аркан тартышуу болот. Аркан тартышуу дагы аш, той жана келин алуу, бала олтургузуу, чоң шерне, чоң үлүштөрдө, бала төрөгөн тойдо ойнолот. Аркан тартышуунун тартиби: аркан тартышууга абдан балбан жана салмактуу киши чыгат. Алардын дагы шымдан башка кийими болбойт. Мойнуна гана бир калпак коюп коёт. Аркандын эки учун туюктап түйүп коюп эки кишинин мойнуна туюк жагынан илип боорунан алып барып эки бутунун ортосунан чыгарып кежигесине калпактын үстүнө арканды илет. Элүү саржан жерди теңеп туруп ортосунан чек кылып туура чийип коёт: Бул эки балбан моюндарын жикирейтип, белин дөмпөйтүп жылаңайлак буттарынын бармагын жерге сайылтып, эки колдон чөптүү жер болсо чөптү мыкчып, чөп жулунуп кетсе жерди тырмап, алынын бардыгынча тырмышып айласы кетсе жерге жабышып калуучудай чектен чыгып кетпестин амалын кылат. Агерде тигинин бутун бир тайдырып жерден козгоп алса токтотпой сүйрөп кетүүнүн аракетин кылат. Сүйрөтүп жиберген балбандын жылып бараткан түрү – тумшугун жашырган кашкулактын көрүнүшүндөй болуп колу-буту биригип бооруна чогулуп түйүнчөктөй болуп баратканын көрөсүң. Ошол учурларда сүйрөп бараткан балбандын тарабы: «Тарта көр эми, тарта көр!» – деп чуулдашат. Сүйрөткөн балбан өтө көп жерге сүйрөтпөс үчүн боюнун салмагын салса дагы эки колу арканда болот. Чектен алыстап кете электе мойнумдан арканды чыгарып жиберсем деген ой менен… Анан өзү дагы жымжырт болуп ызалангансып калат.
Таз сүзүштүрүү. Эң чоң аш, эң бир чоң тойлордо таз сүзүштүрүү болот. Башка убактарда таз сүзүштүрүү боло бербейт. Таз сүзүштүрүүнүн тартиби: Бул таз сүзүштүрүүгө эң бир уялбаган шайыр, элге күлкү чыгаруучу кишилерден чыгат. Булар дагы эки урук элден болот. Аларга жаргак шым кийгизип, желеткечен, жылаңбаштап алып эки тазды эки киши коштоп элдин так ортосуна алып келип, аркан бою жерден коё берет. Эгер куудулдугу ашыгыраак таз болсо буканы туурап колу менен жерди чапчып топуракты алып ыргытып, букача мөөрөп, тиги тазды маскаралап, элди күлдүрүп жүрө берет. Анда берки таздын да жини келип тигини катуу сүзүүгө ызырынып жүрүп жакындай түшүп оңуна келе калган кезде качырып барып күч менен катуу сүзөт. Ал убакта кайсы бир баш териси жукасынын башынан кан жайыла бергенин көрөсүң. Ал башы канаган таз дагы тигинин башын канатууга аянбай сүзөт. Бирак таз кишилердин башы өтө оорукчан болуу керек, анткени бир-эки сүзүшкөндөн кийин эле бири кача баштайт. Элди күлдүрүү үчүн качкан тазды качырган таз тиги тарапка жеткизе кууп барып кайтат.
Тыйын эңмей. Тыйын эңмей деген оюн ашта, тойдо жана чоң жоро, чоң шернеде, келин алган, бала үйлөндүргөн тойлордо жана үлүш берүүлөрдө болот. Тыйын эңмей майда оюндардын бири. Тыйын эңүүнүн тартиби. Тыйын эңүүгө баягы элдин ар бир уругунан экиден, үчтөн гана кишини алып чыгат. Алардын баарысын бир жерге топтоп туруп элдин ортосунан чарчысы бир метр жерди такырайтып коюп ошол жердин ортосунан он тыйын баткыдай жерди ойгонсуп он тыйынды ошол жерге коюп баягы тыйын эңүүчү кишилерди кезеги менен бирден жумшап турат. Бирак ал тыйын эңгени бараткандарды өз эркинче койбой тыйын таштаган жердин бери жагында атайылап бир киши турат. Ал тургай кишинин жумушу эле тыйын эңгени бараткандардын атын сооруга чаап текирең таскак менен барып жердеги тыйынды эңүүнүн шартын бүтүрүп туруусу болуучу. Кээ бир тыйын эңүүгө машыккан жигиттер эңкейгенде майышпай турган жалпак, чың келген жорголордон минип алып ар бир келгенде эңип турат. Тыйын эңүүгө маш болгон аттар да болот – киши канчалык жерден эңкейип баратса да майышып же мүргүп кетпестен түз гана таскактап кете турган. Бул тыйын эңгендердин байгесин ар бир эңип кеткендери үчүн мынча сомдон деген болжолу болот. Тыйынды эңип алып барары менен баягы эңүүчүлөрдү топтоп турган жерден бир киши айтылган акчаны берип турат. Кай бирлери атматы менен же өзү жыгылып калган болот.
Жылаңач чабышуу. Жылаңач чабышуу чоң аш, тойлордо гана болот. Башка майда аш, майда тойлордо болбойт. Анткени жылаңач чабышуу эр сайыш катарлуу оюндардан болот. Жылаңач чабышуунун тартиби: жылаңач чабышка эң бир кайраттуу, шамдагай, өжөр кишилерден чыгат, булардын экөө эки урук элдин баатыры деп эсептелет. Аларга жалтанбаган же мүчөлүү жана качса кутулуп, кууса жете турган курч жана өкүм күлүк сымал аттардан мингизет. Кадимкидей бөктөрүнчөк бөктөрүп, эки басмайыл тартып теке жаргак шым, калың булгаары өтүк кийгизип, башын жоолук менен бек таңып, өзүн жылаңач коёт. Колуна бир камчы алып жана бир камчыны сол жак белине кыстарып алат жана эки баатырга эки киши экиден камчыны алып белендеп турат. Алардын алган камчысы өзөгү бек, көгүн майда тилип шыкай өргөн, алакан жагы калың булгаарыдан жасалган, сабы ыргай же табылгыдан болот. Бүлдүргөсү жонуккан эски кайыштан болот. Аларды дагы бирден киши жетелеп барып жакындатып коё берет. Булар качырышып келип кайсы каалаган жерине тартып өтүшөт. Агер жылаңач далыга же капталга чапса сөзсүз кан жошула берет. Эти ооругандын ачуусу менен баштагыдан бетер сабашат. Карап олтурган элге чапкан жеринен чаң чыккансып көрүнөт. Кай бир кишилер булардын чабышканын көргүсү да келбейт. Бир камчысы үзүлсө жана бир камчысы менен чабышат. Ал үзүлсө жанакы киши кармап турган камчыны алып чабышат. Бирок булардын биринин эти канап, бири аман калбайт. Жылаңач болгон соң камчы тийген жерлер кубара түшүп эле бир пастан кийин кан чыга баштайт. Агер качып кетейин десе аттанарда өзүнүн манабы бата берүү менен «Кудай урган кокустан качып берип биздин намысты кетирбе. Баланчанын баатыры качып калды деп жаманатты кылып», – деп тигил урук элинин манабынан бас түшүп калам деген ой менен баатырга эскертип койгонун эсинен чыгарбай өлсөм да качпайын деп жанынын кыйналганына карабастан сабашып жүрө берет. Агерде берки баатыр жылаңач чабыштын ыкымын алып мурда машыккан киши болуп же машыккан кишилерден угуп калып эсинде жүрсө колдун карысына же колдун манжасына же камчы сап менен көкшилиге же тизеге же буттун башына чапса тигини сөзсүз качырат. Анткени бул айтылган жерлер өтө талуу болгондуктан чабышууга жарай албайт.
Өпкө чабышуу. Бул тамаша көрүп отурган элди дүрбөтпөс үчүн өпкө чабышуу деген болот. Өпкө чабышуу чоң аш, чоң тойлордо гана болот. Майда оюндарга кошулбайт. Анткени элдин көп чогулган жерлеринде, намысташуучу жерлерде болот. Өпкө чабышуунун тартиби: Ал өпкө чабышуу дагы таз кишилер аркалуу оюн болот. Жаңкыдай эле мыктуу аттан мингизип, бөктөргүч байлап, баштарын жылаңбаштап, колуна камчы бербей эле ашка союлган жылкылардын өпкөсүн кекиртеги менен алып келип колуна берип жанакыдай эки киши коштоп келип, эки тазды бет кылат. Ал таздар өпкө жумшак эмеспи деп экиүч чабыш менен өпкөлөрү үзүлүп жалаң гана кекиртеги колдоюп колунда калат. Бирак бүтүн кекиртек дагы жаман-жуман камчыга бергис катуу болот. Жана жакында үзүлбөйт. Ошол кекиртекке чыдай албай башка беш-алтыны жегенден кийин качып берген таздар дагы болот. Аны дагы шамдагай, өжөр, эр жүрөк таз койбой качырат. Жана аты мыкты болсо тегерене коюп өмгөктөтүп кекиртек менен шакылдатып сабап жибергенде чыдай албай башын калкалап жалакай таздар аттан түшө качат. Качпасын дегени менен жукарган башын кекиртек бат эле айра чаап жиберет. Булардын чабышы дагы элди күлдүрөт.
Жөө чабыш. Ошол эле олтурушта элдин жогору-төмөн жагынан жол ачып коюп ал жолдорго элди дүрбөтпөс үчүн баягы калыс кишилерден туруп жөө чабыш болот. Жөө чабыш оюндары ашта, чоң тойдо элдин көп чогулганында гана болот. Жөө чабыштын тартиби мындай болот: жөө чабышка ар бир көңүлдүү кишилер өзү чыгат. Алардын тогуз же жети кишисине кадимкидей байге саят. Маселен, чыгып келген кишинин байгеси ат болсо, экинчи кишиге тай, анан кой, анан козу, анан улак дегендей бөлүп байге саят. Булардын байгесин жана канча кишиге байге бар экенин жарчы угузат. Жөө чабылуучу кишилер жыңайлак, көйнөкчөн болуп эки колуна алма же таш алып жөнөшөт. Аларды кадимкидей атчан кишилер айдап беш же төрт чакырым чамасында жерден берет. Алар айдап баратканда мата жүктөгөн эшектей агарып, мадыраңдап бир түрлүү көрүнөт. Анан кайтара тартып жүгүрүп келе жатканда кадимкидей чаң чыгып кыйла жерге чогуусун жазбай келет. Жол теңинен өткөндөн кийин бириндеп чубала баштап куручтары кийиндей берет. Кадимки күлүк атча аркадан жетип улам биринен чыгып бири чуркаганы жазбай салмак менен келаткандары улам элге жакындаган сайын арышын узарта берет. Көкүрөгү таза, күчү бар кызматты көп иштеп, эгин оруп, чөп чаап жумуш менен эти катып сууп жүргөн кароосу бар кишилер эле алдын талаша келет. Анан азыраак иштеп коюп карчытым деп кайшактап жатып эс алуучулар жол теңине келгенде эле кийиндей баштайт. Жаңкы алманы эки колуна кармап кеткендер болсо чуркап келе жатканда кайсап жеп алган окшойт, кайра келгенде колунда алмасы жок болуп калат. Берки таш кармап кеткендердин колдорунда таштары жүрөт, ошол таш колду күүлөп кишини жакшы жүгүртөт деп алган амалдары болсо керек.
Эр сайыш. Өтө чоң аш, өтө чоң тойлордо эр сайыш оюну болот. Эр сайышууда эки дубан эл бет болуп, баатырларын чыгарат. Же эки обулус эл беттешкен болот. Дубан деп обулусту айтуучу. Эр сайыштын түрү мындай болот: Эмки келе турган тамашада жарчылар элди кыдырата бастырып жар чакырат. Кайсы урук эл менен кайсы урук элди эр сайышка баатырыңды алып чык деп:
– Ат жакшысын мингизип,
Ак олпок, зоот кийгизип,
Алмамбеттей айбаттуу
Кан Кошойдой кайраттуу
Бет алган жерден чураткан
Берт кылып жоону сулаткан
Көз ирмебей түз сайган
Көкөтөйдүн ашында
Көкжал Манас баатырдай
Көмөлөтө бир сайган
Баатырың болсо топко сал
Эр сайып берсе байгеңди ал! –дейт. Ал учурда төө баштап тогуз жылкыны элдин орто жерине алып келип эки-үч киши кармап турат. Баягы атакталып эр сайыш үчүн тапталып жүргөн баатырлар тиги тараптан балан баатыр чыгат дейт деп авазалап ат жакшысын тандап, эки атты эки кишиге мингизип, колуна бакан берип «шагыр-шугур» эттирип сынап көрүп же болбосо мурунтан өзү минип эр сайышка кирип көнүп калган атын токуп даярлап, бир кишиге жетелетип коёт. Ал атты токунууда мындай болот: ичмеги жумшак калың тердикти атына салып туруп жукалык кылбаса кабыргасы жок же тердиктин үстүнө жука ат жабуу кошуп борбусу бийик кыргызча кан баш ээрден токуйт, баякыдай төртбеш камчыны арасына уруп көрпөчөгө кементайды ороп бийик кылып бөктөрөт. Аттын көкүлүн типтик кылып чырмап түйүп, куйругун белине чейин коёт. Сайышка түшчү баатыр табылса эки жаргак шым киет. Желеткинин сыртынан теминги деген калың булгарыдан жасаган нерсени коюп бир жагын аркасына коюп аны жылышып кетпес үчүн ар бир жеринен көзөп туруп, канжыга менен чарып коёт. Темингини кай бир кишилер шартылдак деп аташат. Анын жетпеген жерлерине катуу жаңы калпакты эки кат же төрт кат кылып коюп, табарсыктын тушуна сөзсүз төрт кат калпак коёт. Булардын баарын матаны жазып туруп белден, аладан, эки ийинден, колтуктан алып чырмап салат. Ал баатырдын кум салып жасаган кементайы болот. Жакасы эки кулакты тиреп турган көкүрөк жагы катталып эки кат болгон колтук, бөйрөк жактарын эки кат кылып шырыган. Эки жеңинин чыканак жана колдун бүгүлүшүн жумшак кийизден салган арткы этегин ээрдин арткы кашынан өткөн жеринен тилип койгон. Жеңинин учун колдун муунунан кыска топчулап койгон кементайды кийип, анын сыртынан чыт чапан кийип башын кызыл же ак жоолук менен бекем байлап, эки санын мата менен өтө калың эмес чырмап алып, камчысын канжыгадан боо кылып асынып алып, өз тарабын кыдырата жөн басып жүрүп сыңар тизелеп олтура калып, камчысын мойнуна салып бата алып, колтуктатпай өзү аттанып турат. Баатырлардын колунда бирден найза болот. Он же сегиз найзаны, сайыштын ыгын билген эки жактан эки киши кармап турат. Ал найзалардын баарысы узун-кыска эмес тепетең болот. Аны калыстар атайы теңеп койгон болуучу. Ушул найзаларды колуна алып, бирин бири карап, атын камчыланып күүлөп коюп турганда машыккан аттар дагы тиги найза алган жакты карап кулагын тикчийтип карап турат. Эки баатыр тең эле тегиз көрүнгөндө жарчылар башка сайышпагыла деген коолуну айтып элди кырка бастырып жар чакырат.
– Аттаныптыр найза алып,
Ак калпак кыргыз баласы Эрдигиңер, баатырлар Эмдигинин Манасы.
Ушу турган калың эл
Бир атадан болобуз
Башка сайсаң кокустан Сени баатыр дебей коёбуз. Алты ай набак төлөтүп
Атыңды жыгып соёбуз, – дейт.
Бул баатырларды абдан сайыштын ыгын билген баатыр кишилер коштоп барып беттештирип коё берет. Коё берген замат эки баатыр эки жактан аттын жүгүрүшү менен катуу камчыланып качырып барып аттын күчүнө салып коюшуп калганда найзалары быркырап, жаранкасы асманга чачырап калкандай болуп колдорунда найзанын бир аз жери калганын ыргытып жиберип, баякы кармап турган найзадан чаап жетип бирөөн алып кайсы мурун жетип алганы колуна түкүрүп алып беркини качырып сала берет. Бирак эки баатырдын найза кармап турган эки кишиси булар сайышканда көзүн айрыбай турган үчүн өз-өз баатырларын көздөй чаап барып ылдамдык менен найза берет. Агерде биринин найзасы сынып калып, биринин найзасы аман калса найзасы сынган баатыр өтө шашылып барып найза алууга жөнөйт. Найзасы сынбай калган баатыр дагы ылдамдык менен бура тартып, атына камчы басып тигил баатырга найза алдырбай жетип саюу үчүн катуулап жетет. Агер найзасы сынган баатырдын аты тарпан болуп шашылып калса кылчайып баратып арткы баатырдын найзасын өзүнө катуу уруна электе же урунары менен кармай калып, найзаны талаша баштайт. Бул талашууда найзаны бир-бирине жулдуруп жибербестен акыры сындырып салып жакалаша баштайт. Анда калыстар ажыратып, эки баатырды жетелеп алып найзаларын колдоруна берип, экөө алыс жерден коё берет. Булар бир-эки сайышуу менен эле бир-биринин ыкымын алгандай болуп калат. Элдин көзүнө бири катуу качырып, бири аяңдап качыргандай болуп да көрүнөт. Бул найзанын көп сынгандыгы мындай болот: тиги баатыр беркини катуу качырып келип экөө жакын келип найзачан кишиге жетип тийгенден кийин аттын күчү менен найза бүктөлө түшүп, сынып кетүүгө болот. Же баатырлар найзаны бүктөй сайып калса найза сынууга болот. Агер ээрдин коңулуна тактап сайган найза аттын күчү менен күчтүү тийгендиктен сынып кетет. Эки баатыр тең келип катуу коюшканда аттар темтеңдей түшүп токтоп калат. Бул баатырлардын аттары токтой калганда туруп алып, найзаны кыска кармап капталга коюша берет. Анда калыстар көпчүлүк тамаша көрсүн деп ажыратып барып баатырларга чалап берип кайрадан беттештирет. Кай бир убактарда баякы кармап турган найзалар да калбай калат. Агер өтө адис болсо көкүрөккө көп сайбайт, тигинин найзасын жакын келгенде кагып жиберип жандай түшүп капталга катуу муштаса бөрт кылууга болот. А болбосо тизгин кармаган колдун чыпалагын тиктеп келип көз ирмебей чыпалакка сайса найза тизгинге тиет. Анда аттын оозу кежеңдей түшүп ат чалкасынан кетүүгө болот. Же тизгинди кыя сайса баатырдын тизгин кармаган колунун сүйөнчүсү жок болуп чалкасынан кетүүгө болот. Баатырлардын кайсы бирлери шымынын алаасын көзөтүп туруп басмайылды өткөрүп атка кошо тартып коёт. Андай баатырлар чалкасынан кетип атка салаңдап калса дагы аттан түшө элекмин деп чыр кылат. Бирак калыстар көргөндө басмайыл менен тартылганы билинип уят болуп калат. Кээ бир баатырлар бир же эки сайыштан калтырбай эле ыргыта коёт. Анын беттешкен баатырлары кополураак же коркок экендиги болсо керек. Эки баатыр тең адис болгон кишилер болсо анын аты же өзүнүн күчү кылым артык болсо же айласы артык болсо анан жыгат. Болбосо далай жерлерде баатырлардын аттары алкара сууга түшүп тердеп булактап жакшы жүгүрө албай калганча беш-алты найзаны сындырып, алыша албай кеткендери көп болот. Аларга байгесин бөлүп берет. Жана эл кубанып моокумдан чыгып калат. Кайсы бир учурларда эки тараптан экиден төрт кишини алып чыгып сайыштырган. Анда элдин коолусу мындай бул эки баатырдын бири мурун жыгылса калганын тиги эки баатыр экөөлөп сая берсин деген. Ошондо жалгыз калган баатыр тиги экөөн тең сайып жыкканы бар. Мисал үчүн Тоң районунун Талаа селсебетинин элинен чыккан уругу алакөз Каракуйруктун уулу Букар өзүнүн жолдошу Маанакенин аты сайышып өтүп, кайра бура тартам дегенде көр чычкандын ийинине бутун салып алып, ат жыгылып калганда наркы тараптын баатыры алка жакадан Маанакени жерге жапшыра сайып туруп алган. Кишини көтөрүп ат тура албай же Маанаке аттан ажырабай койгондо калыстар келип көтөрүп «аласынан басмайыл менен атка кошо тартпаса да бул жакадан сайып турган баатыр тургузбайт» – деп, «Маанакени жыгылдың» – деп алып кеткен. Ошондо тиги эки баатыр Букарды жалгыздап экөө эки жагынан койгулап турганда өзүнүн Торкашка аты менен Букар кайсы алдына кире түшкөнүн качырып барып жетип жандай түшүп капталга койгондо аттан эшик-төрдөй алыс барып түшкөн. Ал Букардын атасы Каракуйрук дагы сайышка көп түшкөн киши экен, энеси дагы үч жолу аялды, бир жолу эркекти жыккан деп карылар айтуучу. Букардын Тайкашка деген агасы, Жаманооз деген иниси бар эле. Кай бир ашта эр сайышка Букарга киши чыкпай койгондо агасы Тайкашка чыгып сайышкан. Бирак Тайкашка дагы андан мурун сайышка көп чыгып, далайды сайып жыккан киши болгон. Букар менен беттешкенде Тайкашка аябай сайып жүрсө дагы Букар аны көп аяп жүргөн. Эл тамашабызды көрсүн деп он, он эки жолу беттешип Тайкашка үч бакан сындырган. Экөөнүн аттары чарчаганда ажыратып келип: «Ээ, Букар баатыр, ушул муштумдай болгон Тайкашканы жыга албай койдуң» – деп элдер сураганда «Аяп жүрбөдүмбү» – деген сөз Тайкашкага угулуп «Ошол көөсүр жоон бок кайра деле чыга койсун» – деп Тайкашка чечинбей олтуруп алганда Букар өзүнүн тарабынан сурап: «Атын сайып жыксам, мага ат төлөтпөй коёсуңарбы? – дейт. «Макул, иши кылып жыксаң ат төлөтпөйбүз» дегенде Букар кайра аттанып алыстан качырып барып Торкашка атынын күчүнө салып, Тайкашканын аты алдыңкы эки колун көтөрүп жерге коё электе атты омуроого сайып Тайкашканы ат-маты менен көмөлөтө сайып жыккан. Бирок Тайкашканын найзасын кагып жиберип сайган экен. Букардын атасы жарды киши болуп эл кош айдап жаткан кезде элден унаа сураса унаа бербей койгон экен. Ошондо Букар ызаланып буурсун, нокто чаап жасап, ага курч тиштен салып алып: «Тайкашка бери кел» – деп моюнтурукту Тайкашка экөөнүн мойнуна таңып өзү үч бутча буудайды асынып алып буурусунду Жаманоозго карматып, сугарган жумшак жерди майда кармап, тишти жерге калың сал деп үч күндө бир теше дың жер айдап үрөнүн өзү ала жүрүп сээп маласын басып, эл менен жүгөн көтөрүп алып байдан саан ичип, жайлоодон келип буудайынын сугатын кандырып, күзүндө көп буудай алып, Торкашка атын сатып ошол буудай менен саан уй, кой, эчки алган экен. Ошол Торкашка тай он жети асый болгончо сайышкан аты болду. Кийинки убак – найза алып Жаманооз дагы сайышка түшкөнүн көрдүк. Тиштеке деген баатыр менен беттешип он төрт сапар сайышып эки бакан сындырып, аттары баспай калганда эңише кетип катуу чаап баратып Тиштеке Жаманооздун бутунан көтөрүп аттын нар жагына аласалдырып жиберген. Ал Тиштекенин маңдайкы эки тиши жок эле. Ал тиштерин эмне болду десек Жолой деген баатыр менен эңишип алыша албаганда жаңы булгары өтүктүн кончунан тиле жаргак шым менен кошо тиштеп аттын нар жагын көздөй ыргытканда эки кашка тиши кошо кеткен экен. Кыргыздын эр сайышы деген оюн ушул түр менен болот. Мындайларды көп көрдүк.
Жамбы атуу. Бул тамашалар бүткөн соң эл жалпы аттанып конок болгон жерлерине тамактанып алып, көп кечикпей баякы тамаша болгон жерге келип ар бир урук бөлүнүп, топ-топ болуп турат. Ал убакта күлүк аттуу кишилер ат тердетип жорголордун терин алып калышат. Мергендер мылтыктарын оңоп, ичин майлап ок дарысын даярдап келишет. Жамбы атууга беленденип турат.
Жамбы атуу оюну абдан чоң аш, чоң тойлордо болот. Дайым эле боло бербейт. Элдин абдан көпчүлүгүнө облустар баш кошкон убактарда жамбы атуу оюну болот. Жамбы атуунун тартиби жамбыны мындай түр менен атат: жамбынын көрүнүшү узун карагайды жерге орнотуп, ага дагы бир шыргыйды улап, ал шыргыйдын башына туура бир кулачтай жыгачты байлап коёт. Ал туура жыгачтын тогуз жерин же он беш жерин көзөп коюп бир кийизге таш же жылкынын томолок болуп катып калган тезегин кийизге тигип туруп тиги туура жыгачтын көзөөлөрүнө байлап коёт. Орноткон жыгачтын узундугу кеминде метрче болот. Бул танаптар жылкынын куйругунан беш-алты гана талдан алып байланат. Муну атуу үчүн он беш саржан жерден белгилеп чийип коёт. Ошол он беш саржан алыстыктан чаап баратып атып өтөт. Ал жамбы атуучуларды топтон калтырбай атын камчылап, айдап тосуучу киши коюлат. Жана анын байгесине кымкап жапкан төө, жанында бир чапан жапкан ат байлалуу турат. Ал жамбыны ким атып алса, байге ошол кишиники болот. Бирак тигил танап кылдарды кана аткыла дейт. Кай бир киши танабын атса, дагы кай бирлери караандуураак эмеспи деп тезекти болжоп ата берет. Жамбы атуучу киши абдан жеңилденип чечинип алат. Ал да бөктөрүнчөктүү болот. Атка кыйшыгыраак минип, аттын текирең таскагы менен келет. Бирак токтоп калбай атып өтөт. Ал жамбы атуучу жердин бир тарабынан киши жолотпой элди айдап турат. Жердин үч тарабын эл алса да бир тарабы абдан ээн болот. Киши тургай мал дагы болбойт. Ар бир мылтык атып өткөндө октун доошу менен байлалуу нерсе жыгачка чабыла түшүп, кайра келип кыймылдап турат. Кай бирлерде чачма салып аткандардын кылдарды кыя атканы да болот. Акыры көпчүлүк жыгачын атса дагы октун күчү менен жерге түшүрүүгө болот. Кай бир буйруктуу кишинин аткан убагында бир жеринен үзүлүп жерге түшөт. Ал киши байгени алып жүрө берет. Кайсы бир кездерде жамбысы бар киши жамбынын гана өзүн көзөп туруп кылдарды абдан узун кылып жамбынын туш-тушунан байлап коёт. Бирак жамбынын өзүнө тийсе кылдарды жулуп кетүүгө болот, октун күчү белгилүү эмес. Андыктан көпчүлүгү жеңил нерсе байлашат. Бирак малдан байге саят. Ал жамбыны мергендерден ким таланттуу болсо ата берет.
Улак тартуу. Мунун артынан ар бир урук эл бөлөк-бөлөк түшүп олтуруп улак тартууга даярданат. Улак тартуу барлык эле тойлордо, шерине-жоролордо, майрамдарда, айттарда ойнолот. Улак тартышуунун тартиби: Улакты алып келип таштай турган белгилүү жер болот. Алып келип таштачуларга бере турган байгесин жарчылар элге угузуп ырдап кетет. Маселен, төрт урук эл болсо ар бир уруктан экиден же үчтөн гана киши чыгып тартышат. Анда аттын күлүгү менен азаматтын балбаны же чабандес, атка чыйрак, коркпой чапкан жана да улакты көп тартып машыккан кишилерден барышат. Ал улак тартуу ыктыяр көпчүлүк элдин каалоосу менен болот. Торпоктон эле тартабы же эркечтен эле тартабы? Каалаганын тартышат. Бирок байге аш, тойдун ээлеринен берилет. Улакты кай бир тарткычтар өлөрүнө карабай чабышат. Ал өзү улакчылар үчүн бир кумар болуу керек. Улакты он, он беш жолу экиден-үчтөн киши чыгып тартып болуп андан кийин беш-алтыдан киши чыгып жайма тартуу дегени болот. Анда ушул сапар улакты алып келген кишинин элинин наамына мурдакыдан арбыныраак байге беришет. Кайсы бир убактарда, азыраак эл чогулганда, эң кийинкисин жалпы баарылап жайма деп башаламан тарта берет. Анда улакты алып кеткен кишинин олжосу ошол гана алып кеткен улагы болот. Улакты эң бир кадырлап тартышкан кыргыз элинин түштүк тарабындагы кыргыздар болот. Алар эски убакта улак тартуу үчүн аттын эң жарамдуусун кымбатына карабай алып, таптап минип жүрүүчү эле. Жана чоң улакчылар, чоң балбандар жалаң булгаарыдан кийим жасатып кийүүчү эле. Анын бир алып келип таштаганына той, аштын ээлери тобу менен кездемелерди салып коюп ат, арабасы менен берет эле. Кайсы бир элдер улак тартууну «көк бөрү тартабыз» дешет.
Өргүтүп тамаша салуу. Бул тамашалар үч-төрт кондуруп атты коного айдап чабат деген чоң аштарда, чоң тойлордо боло турган оюндар. Өргүтүп тамаша салуунун тартиби: Жогорудагы тамашалардын баарын көрүп бүтүп болгуча күн кечтеп кетүүгө болот. Андыктан, мындай арбын тамашалар болуучу. Аш, тойлордо атты эртең чабууга болжошот. Бул тамашалар кайталанып эки-үч сапардан боло турган болсо, ат чабыш бүрсүгүнгө кетип, эртеси дагы кунан чаап жана азыраак жерге ат чаап кайталап, жогорку оюндардын элге кызыктуусун кайтадан баштап, эки күн тамаша кылып берди деген авазаны алууга, кеңеш бүтүп, бир урук эл чыдап туруп берет. Андай чоң аш, чоң тойлордо жалпы эркектер айылдын сыртында тамаша кылып жатса, айылдын арасында аялдар дагы аялдардан балбан күрөш, эр эңиш, сайыштар шекилдүү жанакы түр менен өткөрө беришет. Бирак аларды эркектерден катышып, жабык беришет.
Аялдардын сайышы. Аялдар дагы кадимки сайышка түшкөн баатырларча оозуна кыл чайнап, өңү сурданып, өтө кайрат менен элдин намысын кетирбеске бек ойлонуп, жанын аябай сайгандары да болот. Эркектердин сайышынан эч айырмасы жок болот. Оодарышта да ошондой чымырканып оодарышат. Бирак оодарышка түшкөн аялдар жылаңач болуп чечинбейт. Жука чапан же желеткечен гана жаргак шым кийип, башын жоолук менен бек таңып алып билектен, колдон алып тартыша берет. Күчүнө жараша жүрөгү бар аял койбой алып кетүүгө болот. Маселен, эркектердин балбан күрөшүнүн байгеси бир ат, бир чапан болсо, аялдардыкы да бир тайлак, бир чапан, же бир тай, бир чапан болуу керек. Эркектердин эр сайышы төө баштаган тогуз жылкы болсо аялдардын эр сайышы ат баштаган жети мал же үч мал болот. Анткени булар өтө катуу сайышууну каалабайт жана аз гана беттешип бүтүп калышы мүмкүн. Күрөш, оодарышта эркектер катарлуу эле кармашат. Ырчылардын көбү аялдар жакта болот. Мырза кыз, келиндерди мактасак олжону көп алабыз деп бала-чака ырчылар ошоякта болот.
Аялдар күрөшкөндө да жылаңачтанып чечинишпейт. Жаргак шымдын багалегин өтүктүн кончуна салып кийип гана күрөшө берет. Чалманы көп аялдар билбейт, булкупсилкип гана күрөшөт. Жини келсе ийинин тиштеп алып же чачтан алып гана булкулдатып жүрүп жыгып алат. Ошентип чоң той, чоң аштарда элди тамаша менен канааттандыруу үчүн чоң ат чабыш тамаша жасаган күндө чабылбайт.
Кунан чабыш. Бирак аш күнү кунан чабыш болот. Кунандар жер-жерден бир соогага байгеге келгендер болбостон жакшы тапталып жүргөн кунандардан болот. Балким, атка кошуп чапканда да анча-мынча аттардан чыгып койгон, бир күндө эки чапса да чыгып келген, бир уруу элдин күлүк деген кунандарын алдына салбаган өтө ишенчиликтүү кунандарды чабышат. Ушул кунандарга нары чети он чакырым жер алыс болбойт. Агерде ошол аш-той берген айылдын өтө ишенчиликтүү күлүк кунаны болсо сүрөп алабыз деп он беш же 14 чакырым жерге чейин ала барып коё берет. Анда ошол элдин кунаны алдынан көрүнүп калса башка кунанды жакында алдына өткөрбөйт. Анткени айыл үстү деген кыйын болот, айкырат, күлүк бээлер менен бир жүз, эки жүздөгөн киши артынан түшүп алып, артындагы кунанды кайсы өтөр жагына жайпай берип олтуруп жол бербейт. Жана да кунан айдаган киши ошол аш-той берген айылдын кишиси болот. Өз элинин кунанын жанына алып жүрүп башка кунандарды союлдап кубалай берет. Ошондуктан ал элдин кунаны болжолдуу жерге жетер-жетпес болгондо эле өз кунанын кайра тарттырып коюп, башка кунандарды анан: «Алдоо акбар!» – деп коё берет. Ал көп кунандар оң баштанып жүгүргөнчө беркинин мурун кайра тартып калган кунаны сүрөөнчүгө жете жаздап калат. Ошону үчүн жаңкыдай болот. Агерде алыстан келген элдин арасынан аш-той берген элдин сөөк же дос кишилеринин кунаны болсо аны дагы өз кунандары менен бирге алып жүрүп бирге коё берет. Алардын кайсы күлүгү сүрөөнгө мурун барса ошонусун сүрөп жана арткысын дагы көп киши тегеректеп, жанакыдай ишти кылат. Кунандар байгеге келгенде балан-түкүн кунандарды аркадан бөлүп коё берди деп чыр кылганы менен аш-той сүрөөнчүнүн ошончолук зордук иши болот. Анда бирине бири тийип кагылышып, аттан жыгылып колу, буту сынып, же киши майып болуп калышат. Андай чоң аш-тойлордо кунандын баш байгесине төө баштаган тогуз малдан аз эмес мал сайылат.
Айгыр чабуу. Эки күнү тамаша болсо айгырга аялдардан мингизип, айгыр чабуу деген да болот. Өтө чоң аш-тойдо тамашаны арбытуу үчүн айгыр чабылат. Айгыр чапкандын тартиби мындай болот: Анда айгырды сүрөбөй чабат. Кээ бир айгыр бойдон чаап жүргөн күлүктөрдү чыйрак аялга мингизип: «Жакын жер эмеспи» – деп, чаап жиберет. Өткүр жылкы болсо жакын жерге эти семизине карабай, күлүктөрдөн чыгып да келет. Ал күнү ошондой тамашалар менен кечти киргизип жай-жайына келип эл жатып калат. Бирин-серин кийин келип калгандар болсо аларды кошумча даярдалып калган үйлөргө кондурат. Агер кабар берилген элден болуп, конокко алышпай калса аш, той берип жаткан элден мал кармап союп жеп, же аш, той берген айылдын жанына жатып калып эртеси тартуу алып да коюуга, элдин коолусу болгон үчүн конок кылган кишинин милдети бар болот.
Ат чабуу. Чоң аш-тойлордогу ат чабыштын тартиби мындай болот. Эртең чоң ат чабыш болот деген түнү күлүк аттардын ээлери жана саяпкерлери уктабайт, жеке ал эле түн эмес, кемеге казылып, эл келип конокко бөлүнгөндөн бери эле күлүк ээлери бирин бири аңдып, кеп тыңшап, атактуу чоң саяпкерлерди аңдып: «Эмне дээр экен» – деп, байкап калышат. Ал саяпкерлер кайсыл аттын канча күлүктүгү бар жана атынын ээси таптап байлаганында кандай кемчилик бар экенин билет. Ошон үчүн ал саяпкер кайсы бир чоң ат чабыштарда айтканы айткандай келип чыгат деген ат чыгып, бир эле эмес бир канча жолу элдин көргөнү же укканы эсинен кетпей эле, ошол саяпкерлерди аттын ичине кирип чыккандай көрүп, ниеттенип калгандыгы бар болот. Кай бир саяпкерлер чоочун кишинин көзүнчө же көп кишинин арасында чечилип сөз айтпайт. Бир чоң ашта Миңкой деген атактуу күлүк атты алып казак элинен көп кишилер келген экен. Анын көзү ачыктай болгон кыйын саяпкери болгон. Кыргыздын айтылуу саяпкери, тапкөйү Шергазы ошол казак саяпкер конокко алынган үйгө бир кыйын, кыраакы, эстүү баланы от жагып, конокко суу куюп берүү үчүн ушул саяпкердин күлүк аттар жөнүндө кеп салганын угар замат мага кел деп тапшырган. Ал бала ошол үйдүн ээсине жана анын аялына: «Коноктордун көзүнчө мага сөз айтар болсоң, алыстан айтпай, кийимимден тартып коюп, мен сени карап калганда, колуң менен жаңдап жумша» – деп Шергазынын тапшырганын айткан. Коноктор эки түнөгөнчө саяпкер эч кандай сөз айтпаган. Эртең ат чабылат деген күнү Миңкойдун ээси жолдошторунан эки кишини эшикке коюп: «Үйдүн айланасында кишикара болбосун жакшы байкап карап тургула», – деп жумшап жиберип: «Ээ саяпкерим, аттардын баарын көрдүң гой, эртең кайсыл ат чыгат, кыргызда кайсыл ат Миңкойго барабар келгендей көрүнөт?» – деп сурады. Ал саяпкер от жаккан баланы карап: «Ой, бала, бар эшикке чык!» – деди. Бала укмаксан болуп олтура берди. Жана да: «Ой, бала, неге укпайсың, кет эшикке бар!» – деп ачуулангандай болуп, катуулап айтса да, бала укмаксан болуп, отту ичкеретип коюп, жаман тонунун койнуна колун салып, элди жалдырай карап коюп, тырмайып олтура берди. «Ойбай ау айта берсеңчи, ол Кудай аткырдын кулагы укпай калган, тили сакоо окшайды, эки күндөн бери анын үнү чыкканын укпадык» – деп аттын ээси айтканда: «Таң, Кудай аткыр, кууланып олтурган бир шум болбосун» – деп аярлабыраак сөз салды: «Мен кыргыздын атынын баарын көрдүм, манабу Шергазы деген саяпкер байлаган Керкашка аттын табы абдан жакшы экен жана өзү дагы жылкынын тулпары жана жылкынын алгы экен… Шонун эки жеринде азыраак айыбы бар экен. Ошол эки айыбын оңдоп жиберсе андан баш байгени эч кайсыл ат талаша албайт. Агер ал эки айыбын билбей калса, байге биздики болот деген оюм бар. Билбеймин, мен көрбөгөн ат барбыжокпу» – деп жооп берди. «Эмне айыбы бар экен?» – деп аттын ээси жана анын жанындагы аксакалдар сурап калышты. «Ой-бай, анын бир айыбы туякта турат. Ал болсо көрүнөө жер. Анысын оңдоп алууга болот. Жана бир айыбы картасында катып калган тезеги бар окшоп турат, анысын билеби-билбей калабы, ким билет» – деди. «Аларды не кылса оңдолот, «саяпкер, саяпкер» десе эле маалкатып калат экенсиң?» – деп тамашага шоотуп теңтуштары жаалап калганда, ызалана түшүп: «Туягы таштуу жерге көп минип кош эрин болуп калыптыр, бир аз сазга байлай коюп, туягын ийгилеп, алдыңкы кош эрин болгон жерин алып таштап, туяктын илебин чыгарып койсо. Картасына каткан тезекти эртең мененки сугарганда катуу желип барып чукул бура тартып койсо тезеги ыргып кетет. Ал убакта ал атка жылкы жет пейт» – деди. Бул сөздүн баарын бала угуп алып Шергазыга айтты. «Туягын өзүм дагы билет элем, каткан тезеги бар экен дегени кандай сөз» – деп эртеси сугарганда катуу желип барып, чукул бура тартса, кашка томолок тезек ыргып кеткен экен. Керкашканы чубатууга салганда саяпкер казак көрүп алып: «Ой-бай ау, түндө киши барып айтпаса Шергазы менден артык саяпкер экен го» – деди. «Бул атка эч бир жылкы жанашпайт» – деп айткан экен. Ал күнү айткандай Керкашка эрөөлдө жок ыраак чыгып келген экен дешет. Кыргыздын эмки саяпкерлери айтып калышат. Анын бириндей күлүк аттуулар абдан сак болуп кай бирлери атын уктатпай таң аткыча жетелеп жүрүп суутат эмеспи. Уктабай жүрүп сууп, маалы менен чөп, жемин жеп кыябына келген чоң күлүктөр ачуусу келип кыялданып, чунаңдап, баланын темингенин тоотпой, жанындагы атты, кишини тээп, тиштеп жолотпой, терин кырдырбай кужурланып калат эмеспи. Бастырса шолуп-шолуп желип, чубатууга салаарда көкүл, куйругун түйдүрбөй: «Ат чубат, ат чубат!» – деп тарткан сурнайдын үнүн укканда бир түрдүү өзгөрүлүп, ооздугун чайнап, бир-эки катуу бышкырып алып, тизгини кылт деген жагына имериле коюп, элпек тартып, бүжүрөңдөгөнсүп, балтырын түрүнүп баскан балбандай шымалангансып, туш-туштан күлүктөр чубатууга киргенде ат чаппаган кишинин дагы жүрөгү козголгонсуп турат эмеспи. Аттын ээлери, байлаган саяпкерлери уламулам заара кылып, атынан көзүн айырбай күбүрөп: «Аа, Кудай, аксарыбашылың, ай туягың, эр Баабедин колдо, арбак жар бол. Кудай жер-казыгынан сактай көр!» – деп оозу тынбай сүрөөнчүнү тескеп: «Ой, айланайындар, эми Кудай өзүңөргө дем берсин. Тетиги баталашкан элге атты таанытып, абдан көрсөткүлө, мен ат менен кошо барам. Курч аттардын баарысын сүрөөнүн учуна жиберели. Ат айдалгыча четки сүрөөнчү кете берсин» – деп оозу тынбайт эмеспи. Күлүк атты жакшы таанышкан курч аттуу кишилер түндөн эле кете беришкен, анын аркасынан күлүк аты жок бир жамаат эл жаңы баталашкан элди алып калгандары жөнөшөт. Көчө болуп турган эл кеминде үчтөрт чакырым жерде кырка тартып, ортосун көчө кылып, түптүз катар турат. Сурнайчы, ырчылар аттардын алдына түшүп алып: «Ат чубат, ат чубат!» – деп сурнайдын күүсүнө келтирип тартып, ырчылар ырдап:
«Арпаны жара чайнаган, Айнектей көзү жайнаган. Буудайды жара чайнаган, Панардай көзү жайнаган.
Тулпары келип сүйүнүп
Түрүлтүп байге айдаган, «Ушундай тууну жыгат» – деп, Саяпкерлер байлаган.
Калбыр өпкө, жез билек
Күлүгүң болсо топко сал,
Чыгып келсе байгеңди ал,
Жеңил-желпи жылкыңды
Жээликтирбей алып кал» – дейт.
Көкүлү көккө шүйүлүп, куйругу кайра түйүлүп, кулагы шамдай болуп, көзү жалтылдап, көкүрөгү салынып, ичи кындырдай болуп, жүнү бирдей типтик сайылып, чакмак эти аяктай болуп, көкүлдө, көкүрөккө тумар, куйрукта үкү тагылган күлүктөрдү тогуз-он жашар, кичине балдар минип чубап турганда саяпкерлер, сынчылар: «Тигил ат жакшы сууган экен, бүгүн бардык күчүн аябай салгылашуучу ат экен» – деп турушат. Андай калк чогулган аш, тойлордо күлүк аттарды каттап, ээринин кашына номур салып коёт. Андай болсо атты далдаалап туруп, орто жолдон кошуп жиберүүгө да болот. Андыктан аттын ээсинин атын жана аттын өңү, түсүн аныктап каттайт.
Ат чабуучу балдарга аш, тойдун ээси ар бир урук элдин атынан ар уруу кийим тигип кийгизет. Маселен, түштүк тараптын аттарынын балдарына бүтүндөй сары кийим, түндүк тараптан ат чапкан балдарына бүтүндөй кара кийим жана батыш тараптын чапкан балдарына жалаң кызыл кийим, чыгыш тараптын балдарына жалаң эле ак кийим кийгизет. Жана ошол урук элдердин аттарын бөлүк-бөлүктөп топ кылып айдайт. Ат айдоочулар ошол аш, той берген элдин адамдарынан болот. Байгенин токтолгон жерине баканга желекти байлап, бир эстүү киши кармап турат. «Аттар балан жерден коё берилсин» – деп көпчүлүк коолу кылып коёт. Андан беритен болжолдуу жерге жетпей кайра качып келген атка байге бербейт. Элдин коолусун бузган үчүн кайсы бир убактарда күлүк аттарды түш маалында айдап барып, ат коё берилүүчү жерге кондуруп, эртеси шашке маалда коё берет. Ал өтө эле алыс чабылгандыгынан болот. Кырк беш же элүү чакырым жерге айдалып бармак болсо, ошондой болот. Анда аттар айдалаар күндөн бир-эки күн мурда көпчүлүк макулдашып алган болот. Ал коного айдалган аттардын жанына бирден кишиси кошо барат. Көбүнчө аттын ээлери же саяпкерлери барат. Ал конгон жерде тердетип, суутуп, өлчөмү менен чөп, жемин берип, атын жууп, тазалап, көкүл, куйругун кайталап түйүп, ат чабуучу балага тамак берип жана жолдо оозуңа чаң киргенде ичип-же деп чөнтөгүнө алма салып берип же алмасы жок болсо оозу тар, жалпак, кичине көнөчөккө чалап куюп, ээринин алдыңкы кашына байлап берет.
Андай конолкого атчапканда алыс жер болгон соң 30–35 чакырым барганда аттар абдан бириндеп калат. Ошондо балдар жайма-жай гана кете берет. Бул конолкого чабылганда эч качан ат сүрөлбөйт. Агер жаңкы жогоркудай сүрөөнчүлөр жөнөп жаткан убактагы ат чабыш аттарды эрте айдап күнүн эле ат келип, эл тарай тургандын чабышы болот. Конолкого чабабы же күнүн эле чабабы байге сайыш ал аш, той берген адамдын алына жараша болот. Бирак жаңкыдай элди эки же үч кондуруу ошол аш, той берүүчү элдин жардамы менен болот, аны эл көтөрөт.
Анан байгесине болсо миң жылкы же миң кой баш байгеге сайган кишилер болгон. Анан ар ким алына жараша жүз жылкы, же жүз кой, тогуз төө, тогуз ат, тогуз жамбы же миң сом окшогон баш байгелер көп болгон. Бирак аш, тойдун эң алды 25 атка байге саят. Башка аш, тойлордо тогуз аттан кем болбойт. Эми ошентип, атты сүрөп чапмай болгондо ар бир атка беш жүз эч болбогондо бир жүз киши сүрөөнчү болот. Бул сүрөөнчүлөр байгенин токтолгон жеринен тартып, атты коё берчү жерге чейин тизилип турат. Тизилгендеги ар бир сүрөөнчүнүн ортосу эки жүз саржан болуп үчтөн, экиден турат. Ал үч же эки киши бир канатка карап турган кишилер болот. Ал сүрөөнчүнүн эң чети аттар кайра тарта турган жерден алты чакырым гана бери турат. Андан ары аттардын өзүн гана айдап кетет. Атты коё берер жерге жакындаганда ар бир топ-топ бараткан аттарды токтотуп туруп, балдарды жана аттарын сийдирет. Анан жалпы айдап баратып гана ат айдоочулардын макулдашуусу боюнча: «Алдо акбар!» деген үн тегиз чыгат. «Алдо акбар!» – деп коюп эле ат айдоочулар жолдун бир четине качып чыга берет. Болбосо көп ат кайра тартканда аларды тепсеп кетүүгө болот. Аттар дагы кайра тартууда кагылышып тийип, бирбирине урунуп жыгылгандары да болот. Өтө кексе балдар чет жагында жүрүп, мурда бура тартып кетет. Ошондой аш, тойлордо бала миңгизбей жайдак чабылган аттар да болот. Ал аттар мурунтан көп чабылып көнгөн жана бала миңгизбей чабылып жүрүп үйрөнгөн болот. Андай жайдак чабылган аттар көп элдин же көп аттын арасына кирбей жолду жандай гана чет менен жүрөт. Анын сүрөөнчүсү жолдун четинде болуп, ал атты жандап гана айдап алат. Жедеп ат бириндеп калган кезде чылбырын алып сүрөйт, андай жайдак аттын чылбырын үстүндөгү жалгыз каш айырмачына кыстарып коёт. Качан сүрөөнчүнүн аты сүрөй албай, атты жакшы тарта албай баратканда баягы айырмачка түшкөндөй кылып кыстарып коюп, артынан кармалап жүрүп олтурат. Ал жайдак чапмалар чоочун кишини тээп же жанаша бараткан атты тээп, өзүнө жолотпойт. Эми ошону менен сүрөгү жакындап барган кезде адамдын көпчүлүгүнөн бир атты үч жүз, беш жүз киши тегеректеп, артындагы атты өткөрбөс үчүн кырка каз-катарлап алат. Кай бир сүрөөнчүсү аз аттар арманда калууга болот. Анткени өзү алдыңкы аттан күчтүү болсо дагы сүрөөндүн аздыгынан артына калгандыгына көзү жетет го. Ошондо чыгып барган атты ырчы, сурнайчылар ээрчип мактап жүрүп соогат алышат. Жана кадырлуу кишилер дагы соога суратып алат. Сөөк-тамырлары келип дагы соогат алат. Андан калганын күлүк атка да чыгарып коюп, бардык соорунчу бөлүп ашка, тойго келгендерге бөлүп берет. Мындай сүрөп чапканда жайдак чыккан ат менен сүрөөсү аз ат арманда калат. Жаңкыдай коного айдап, сүрөбөй чапканда аттын чын күлүктүгү билинет. Бул ыраак чабышта кай бир табынан начар болгон же курсагы ач бир эти өтө оор аттар жинигип өлүп да калат. Кай бир аттар чалараак жинигип, жаталактап, чабалактап, от жебей, сие албай, жатып-туруп беш күндө мал болот. Ошону менен ар бир эл байгелерин бөлүп алып, жер-жерине кайтат. Бирак ат ээси өтө катуу киши болсо жолдошторуна олжону аз берет. Жаңкы күрөш, сайышка окшогондордун байгесин дагы балбандар, баатырлар жеке албайт. Себеби күрөшкө, же оодарышка, же сайышка талаптуу болуп барып ал мөрөйлүүгө түшпөй наймут болуп калган жолдошторуна соогат берет.
Кыз куумай. Кыз куумай деген оюн кудалашып жүргөн гана эки кишинин урук-туугандарынын жана жамаат элдеринин айт күндөрүндө боло турган оюну болот. Айт эмес убактарда болбойт. Кыз куумай оюнунун тартиби: Кыз куумай деген оюн абал эле кызга куда болуп, баласына алып берип, ошол кызды келин кылып алууга кыздын атасы менен уулдун атасы куда болуп жүрүшөт. Уулдун атасы жыл сайын кудасына топтоп мал берип, кудасына каттап жүрөт. Кыздын атасы кудасына ичик, кымкап баштап нооту, бейкасам аралаштырып топтуу чапан кийит кийгизип жүрөт. Уул менен кыз чоңоюп, бойго жеткенден кийин күйөө баланы кайынына каттатып, колуктусуна учураштыра баштайт. Күйөө күлүк ат, жорго жетелеп барып беш-он күнү күйөөлөп жатып балдыз, жеңесине таанышып, үйрөнүшүп, кайын ата, кайын энесинин сыйын көрүп, ырахаттанып кайтат. Ошол учурларда айт, арапа күндөрү болот деген элдин кубанычтуу майрамдарын тосуп турган кезде: «Күйөө келип калат го» – деп кыздын ата-энеси жана айыл апасы эңсеп турат. Кыз болсо дагы теңтуштарын жанына алып топтоп, кыздар шоодурай басып, үйдүн ар жагындагы булакка барышып, күйөөлөрүнүн өгүнкү келгендеги оюн-тамашанын болгондугун кеп салышып, жүрөгү алеп-жалеп болгонсуп, күйөөсү келип жүргөн кыздар айтарга сөз таппай, жуунуп, назданып, катуу кубанычтан элес көрүнгөндөй нурлуу жүздөрү өзгөрүлүп, көздөрү аркардын козучасынын көзүндөй болуп, келер жолдон кечкурун мал жетелеген эки-үч киши келаткансып, улам-улам белес жакты карагансып олтурат. Топтуу кыздар буластап кайра тартып айылды көздөй келатканда майда-барат кыздардан башкачараак катарлай басып, күйөөсү келип жүргөн, бойго жеткен кыздар» кимибиздин күйөөбүз келсе чогуубуз менен келген күйөөнүн жанында бололу ээ» – дешип, өз-өз үйлөрүн бет алып кетишет. Эртең айбашы деген күнү жакшы малдан жетелеп алып, эки жолдошу менен күн батаарга жакын күйөө келип калат. Күйөөнүн аттарын минип алып балдар чапкылап, айыл-айылга кабар салып, кыз-келиндерди жыйнап келет. Аңгыча: «Жездем келип калды» – деп наркы айылдын балдары чапкылап келип калышат. Ошол айылдардын балдары башлык аксакал кишиси: Ой, балдар, эки күйөөнү бир эле үйгө киргизип, бул айылга конок кылгыла. Эртең тигил айылда болсун» – дегенде, аксакалдын айтканындай болуп, эки күйөөнү бир үйгө күтүп, бардык кыз-келиндер, боз балдар ошол үйдө болуп, оюн-күлкү, таң-тамашалар менен таңды атырат. Айбашы болгон күнү ар бир өзөн, ар бир өндүрлөрдөн түтүн чыгып, май жыттанып, балдар кирип барган үйлөр боорсоктон салып берип, ар кайсы үйгө бирден кой союлуп жатканын көрөсүң. Айт-намазын окуй турган жерди көздөй айыл-айылдан, туш-туштан топ-топ болуп убап-чубап келе жаткан элди көрөсүң. Ал элдин арасында аттарын суутуп, минип баратып кынжыңдатып, элди четтей бастырып келе жаткан боз балдарды көрөсүң. Селдечен молдолор «ымам болом го» деген ой менен келаткандары көрүнөт.
Ал элдин арасында чабылуучу ат, кунандар, күрөш, эңиш, улак тартууга даярданып келаткансып көрүнөт. Эл чогулуп айт намазын окуп тарагандан кийин түрлүү тамашалар болуп жигиттер, боз балдар талаа-түздөрдө болот. Аксакалдар жаш балдарын ээрчитип алып айыл-айылга түшүп аттарды казандата байлап салып, айттын этин жеп, аттанып жатканын көрөсүң. Кыз-келиндер күмүш топчу аркалыктарын, күмүш чолпу, шуру кыргактарын жаркылдатып кызыл-тазыл, көк-жашыл көйнөк, бешманттар менен гүлкайырдай көрүнүп, ар бир айылдарга шарактап айттап барып жатышат. Тай, кунанчан балдар ары-бери чапкылап курумшудан же тебетейин улак тартып, уйгу-туйгу чаап жүрүшөт. Бул айтташуу менен күн бешимден өтө берер маалда туш-туштагы элдин баары аял, эркек дебей айылдан обочороок талаага чогулуп, күйөөсү келген кыздын атасынын айлында казандап аттан-атты жактырып, күйөөнүн атасынын элинен кыз кууганды көрөбүз деп келген элдин аттарынан тандап туруп он чакты жорго, күлүк атын ээри менен жыгып алып, атактуу тың келиндерге мингизип коёт. Ал келиндер элди көз келип, кайта айылды көздөй жорголорду айдатып: «Мына-мына кызды азыр алып келебиз» – деп чапкылай берет. Эки тараптын эң жарамдуу атын кызга токуп берип, үкү таккан кундуз жекей бөркүн кыйшайтараак кийгизип, күмүш кемерди сыртынан курчап салып, күмүштөгөн булгары тердикти жаркылдатып, күмүш жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, үзөңгү токуган атты сөөлөткө чөмүлткөнсүп топтуу кыз-келиндер тегеректей бастырып, жакын жеңеси чукул коштоп алып, айыл жактан чыгып бери карай жөнөгөндөй болду. Күтүп турган элдер жабыла карап калып, жүрөгү элеп-желеп болуп турган күйөө элдин арасынан көзүн кымыңдата карап коюп, кыргоолду көргөн куштай жымыңдап этектерин улам-улам такымына басып, атын сылай-сылай камчыланып, тебетейин басыраак кийип, атка кыйшайыбыраак минип, жакын жолдошторунун бирине коштошкон болуп, өзүнө сырдана күлүк атын жанакы ат жыгып алуудан катып алып калгандан кийин, атын токунуп мингени үчүн көңүлү тыныңкы болуп тургандыгын көрөсүң. Келин атка чыйрактыгын көрсөтүп, аттын кулагы менен ойногон кызды чукул коштоп элди аралай коё берип келип ойкутуп турат. «Бери бастыргыла!» – деп бир жигит келип кызды, күйөөнү көздөй барып, элдин төмөнкү четинен нарыраак алып барып күйөө, кыздын арасын он беш, жыйырма саржан жерден качырып берүүгө болбойт. «Жеңе, берирээк бастыра түш» – деп күйөө жолдош ыкыстатып турат. Келин дагы сак болуп: «Силер дагы нары бастыра түшкүлө» – деп атынын башын качуучу жактан бурбай турат. Бир аз убакытка чейин бири-бирин алдаша албай турган кезде күйөө жолдош кайра тартып кийиндечүдөй боло түшүп, имериле коюп качырып сала берет. Саксынып турган келин дагы шашып кетип, атына камчы басып, жөнөп калат. Шакылдата камчы уруп калың элдин ортосундагы көчө менен кыз-күйөөнүн атты сабап баратканын көрөсүң. «А, Кудай, айланайын арбак, колдой көр. Ии, ботом, деги балдарым жыгылып элге уят болбогой эле» – дешип аялдар турат. Кай бир белимчи аялдар: «Апээй, атаңкөрү, ушинтип эле алып кетеби?» – деп коюп жанындагыларын күлдүрүп турат.
«Ой, Кудай сактай көр, ай, чунак балдардын чапканын айт» – деп абышкалар турат, өзүлөрү андай чаппай койгонсуп. Жеткирбей кеткен кызды келиндер, уландар тегеректеп алып үйүнө жеткиче, үйдүн жанында бир улак даяр болот. Кыз барары менен кемпирлер аякка суу куюп, көмүр салып чыгып, аттан түшө электе башынан айлантып ыргытып жиберип, аттан түшөрү менен улакты садага чаап жиберет. Бер жакта турган эл дагы бир кызды камдап коюп, жанакыдай түр менен кыз куудура баштайт. «Анын жеңеси буйдалып бура тартып калды, же кыз атка жакшы чаба албай койду» – дешип кыз жеткирип салса, эл сөз кылып калышат. Эми башка кыздардын күйөөсү келе элек болсо ошол жердеги келиндерди аткарып алып күйөөсүнө куудуруп ойной берип кайсы бир ат чаба албаган келиндерди тамашалап оюн-күлкү менен жылдыз толгуча туруп карашат. Ар бир айт күндөрүндө улак тартуу, кыз куудуруу болот.
Жеке оюндардын түрү төмөндөкүлөрдөй болот:
Ордо атышуу. Жородо, шернеде, жай учурларда тамаша кылуу үчүн, утушуу үчүн ойнолот. Ордонун тартиби: Эки болуштан же эки селсебеттен же эки колхоздон, эки киши ордо атышалык деп убада кылат.
Анда кайсы жерге атышарын, эмне байге саярын, канчадан киши болорун так сүйлөшөт. Маселен, эки болуш беттешип калса бул болушта үч күн, тигил болушта үч күн конок алышып турмак болот. Байгеси ат же согум бээ дешет. Жыйырма бештен элүү киши атышабыз деп, экиден төрт калыс алып, чүкө жыюуга үч киши – бардыгы отуз кишини милдеттүү коноктоп, атына чөп, жем даярдап коёт. Болжолдуу жерге барганда отуз же отуз беш таман болсун деп борбор менен бир жаккы чийиндин арасын болжоп ордонун өйүз-бүйүзү жетимиш таман болот. Төрт калыс бир жерде олтурат, оюнду санап жана жыдып калгандарды билүү үчүн алардын колуна жыйырма беш кишинин үчтөн оюну – жетимиш беш ташты берип коёт. Бул тараптан жыдыган оюн үчүн тигил тарапка бир таш берип турат. Бир кишиге беш чүкөнү салып: «Үч оюн атасың» – дейт. Эки жүз кырк тогуз чүкөнү борборго кандын тегерегине тийиштирип бөгүнөн тизип коёт. Кан деп он тыйындык күмүштү же мүйүз же сөөктөн тыйын барабарында кылып жасап туруп ошого ченеп жерди оюп, салып коёт. Кан эки оюн үчүн жүрүүгө акылуу болот. Канды тооруп албайт. Олтуруп чүкө чертип жаткан бойдон чертпей ордунан туруп, кайра олтуруп анан кан чертет. Бир тарап канды жалгыз гана чүкө кошпой алса, киши башына бирден оюн атат. Кандын жукалыгы жана көлөмү он тыйындык күмүштөн ашык болбойт. Ордо тизип болгондон кийин калыстар чийден же жыгачтан эки сөөм эки эли кылып кесип ордого таштап коёт. Ал абалак же томпой менен чүкөгө салганда жетип калса олтуруп чертүүгө болот. Жетпей калса абалак, томпоюн алып кайра атат. Бул эрежелери бүткөндөн кийин эки тарап эки сол чүкөнү ат калчашат. Кайсы аты конгон тарап мурда ата баштайт. Ордо бузмачы аткычылдар алды менен атып, чүкөнү ордонун бетине чачыратып жиберет. Балким, чүкөлөрдөн наркы чийинден чыгып кетсе кайра дагы бир жак четинен чийинди басып туруп атат. Чүкө чыкпай калса, бир оюну өлгөн болот, эки оюну калат. Чачыраган чүкөлөрдөн чийинге жакын бир метр же жарым метр же карыш жаткан чүкөнү чертмекчилер кадай баштайт. Чийинди басып туруп кадаганда чүкөсү чыгып кетип, абалагы чүкөлөрдү аралап барып жатып калса, баягы калыс жыгачты салып керет. Жетип калса оң жак тизесин бүгүп, көчүгүнө баскандай болуп, сол жак бутун тамандап, жерди басып туруп абалакты лып черте берет. Агер чертип жатканда же тим турганда оозу-мурдунан суу жерге тамса жыдып калат. Абалкы олтурушта бир гана чүкө чертип кайра турат. Кайра олтурушта бир канча чүкөнү чертип турууга эрктүү болот. Чүкө чертүүгө олтурганда жерди басып турган бутунун тумшугу жаткан чүкөлөрдүн сырты жагын караш керек. Бүктөп олтурган бутунун таман жаккы тумшугу дагы чачырап жаткан чүкөлөрдүн сыртында болуш керек. Агерде тамандап олтурган же бүктөп олтурган буттарынын биринин тумшугу жаткан чүкөлөрдү бычактын мизинчелик же андан көбүрөөк аралашкандай болуп көрүнсө жыдып калат. Агер: «жыдыганыбыз жок» – деп бул тарап чыр кылса буттун учуна такай бычак сайып коюп, калыстар сындап көрөт. Бычактын мизинчелик эки чүкөнүн шаңына илинсе жыдып калат. Ар бир аткычылдар бирден жаткан чүкөдөн он-он бешти бир ойноо менен атып кетет. Чертмекчилер кырсыктабай чертсе жыйырма-отуздун үчү чүкөнү чертип кетет. Бир тарабы чүкөнү көп алып, бир тарабы аз алып калса аз алган жак бир кишиге үчтөн чүкө салып, эки оюндан атат. Үчтөн дагы жетпесе бир чүкөдөн салып чокон атат. Чокон деп бир гана атканды айтат. Ордодо кадамакчы, тоорумакчы, атмакчы, ордо бузчу дегендер болот. Булар туруп жүрүп ата тургандар. Чертмекчи деген чачылып жаткан чүкөнү сыңар тизелеп олтуруп чертип чыккандарды айтат. Чүкөнү каны менен такыр алып бир тарабы куру кол калса баягыдай кылып тизип берет. Алдырган тарап катуу чымырканып, ызалангандай болуп, эң бир кылдаттык менен таамайлап атышат. Ордо жакшы бузулуп, чүкө бир өңчөй чачылып, кадамак, тоорумак жакын барып калса, чертмекчилер ичке көп түшсө, чүкөнү каны менен такыр алып кетсе тиги тарапка байге бербей жандырып кетет. Такыр алалбаса уттурган болот. Ошентип, бир тарапка үчтөн конуп, алты күнгө чейин эрегишип ордо ата беришет. Бирак тарап кетүү алдырган жактын эркинде болот. Мындай чоң мөрөйлөрдү шыктуу гана жак бир күндө төрт-беш утуп кетүүгө болот. Өтө кыйын чертмекчи, атмакчыларды жаңылап оюнга ала берүүгө болот. Бир аз түшүнүк: кадамакчы деген чийинди сол буту менен басып туруп, эңкейип алып атып жиберет. Тоорумакчылар сол буту менен чийинди басып туруп, сол бутунун шыйрагына чалып туруп чүкөнү өзүнүн сол жак сыртын көздөй абалакты же томпойду чимирип жиберип, кайрасынан чийинден чыгарып, абалагын ордонун ичиндеги чүкөнү аралатып жиберет.
Баякы калыс жыгач чүкө менен абалакка жетип калса кадимкидей олтуруп черте берет. Балким, ордо бузуп жүргөндө да, ичте калып черте берет. Анан бир сөз, ордочунун жыдыгандары чүкө чыгарып жүргөн киши, же анын жолдоштору ордого чүкөнүн борбор жагынан укуп кетип, чүкө чийин жагында калса жыдып калат. Чүкө чыгарып атып же чертип жүргөндө колунан же оозумурдунан бир нерсе ордого түшүп кетсе жыдыйт. Аткан, черткен чүкөлөр чыгып баратып өз тарабынан тийип кайра ордонун ичине түшсө, жыдып калат. Кыскача ордонун шарты ушулар болуп саналат.
Тогуз коргол. Тогуз корголду эки гана киши ойнойт. Бирак кай бир учурларда биздин оюнчубуз кыйын деп эки уруу эл же эки айыл же эки район элдин адамдары эрегиш катарлуу оюнчуларын алып келип, ат сайып ойноткондору да болот. Тогуз корголдун ойноо тартиби: Тогуз коргол деген оюндун түрү мындай болот. Эки дубандан, же эки болуштан, же эки селсебет, же эки айылдан, мейли бир эле айылдан болсун, эки киши – кыйын оюнчу болуп аталгандар болот. Бул оюнчуларды ойнотуу үчүн жат кишилер не оюнчулардын өзүлөрү тогуз коргол ойноо үчүн мелдеш коёт. Булардын байгеси ат, төө же андан көп болот. Тогуз коргол жыгачтан жасалат. Ал жыгачтын көлөмү болсо узуну эки жарым карыш, туурасы бир жарым карыш болуп, калыңдыгы төрт эли, же сере болот. Ал жыгачтын узунунан эки тарабына тогуздан он сегиз жерин сыйракейинен кашыктай кылып коёт. Аны өйүз-бүйүз оюлган жердин ортосунан эки жерди чыныдай кылып оёт. Он сегиз оюлган чуңкурларга тогуздан таш салат. Анын негизги ташы катын жаңгак деген чоңдугу койдун корголундай жаңгак насилинен болот. Эки оюнчу маңдай-тескей олтурат. Калың эл тегерегине олтура беришет. «Кана, сен көч, сен көч» – дешип эки оюнчу бири-бирине кезек беришет. Абал бир баштан убада кылып коюшат: «Бир кумалакты, же бир топ кумалакты көчкөндөн кийин кайра тартмай жок болсун» – деп. Жана: «Мен туз алган жерден сен туз албайсың» – дешип. Бул оюнда жыдып калыш жок болот. Ал он сегиз чуңкурду үй дешет. Ооз үй, көк шили үй, ат өтпөс үй, ак колтук үй, бел үй, жаман үй, эки тишти үй, тек үй, куйрук үй дешет. Тиги өйүзү дагы ошондой болот. Ортодогу эки чуңкур эки оюнчунун ташын салып туруучу чарасы болот. Кыйын оюнчулар кайсы үйдөн болсо оюн таап көчө берет. Бир кай жерин күчү кандай оюн болорун тиги киши кайсыны көчөрүн билип турат. Жана бир 162 тыйын эсебин бүт билет. Жана берки киши дагы билет. Булардын туз алышуусу эң кымбат болот. Агерде туз алган болсо, ал туз алган үйгө түшкөн таштын бардыгы туз алган кишиники болот. Оюнчулар өзү жактагы тогуз оюн ташын алдырбаска эң бир кыраакылык, эсепчилик менен сактап, андагы таштарды атым деп эсеп кылат. Анткени өзү жаккы үйдүн таштарын ордуна бирди таштап көчкөндө, үй башына бирден таштап олтуруп жеткен жердеки тигинин үйүндөкү таштар элким болсо, алып коёт. Же эки таш болсо туз деп алып коёт. Агер так болсо алалбай көчкөн таштарын таштап коёт. Тузду бир гана жолу алат. Оюн бүткөнгө чейин туз болуп түшкөн кумалакты алып турат. Оюнчулар: «Мен тиги ташыңды көчүп барып алам» – деп эч качан айтпайт. Ичинен гана ойлонуп турат. Кокустан бир үйдөгү кумалакты жаңылыш көчүп койсо кайра тарта албайт. Өзү жаңылган болуп чыгат. Үйдөгү таштарды «алым» деп бир, үч, беш, жети жана ошондой бири элким таштарды айтат. Эки, төрт, сегиз окшогон жуп кумалактарды «так» дейт. Бир өйдөкү жалгыз ташты «жалгызсың, жедим» дейт. Үч ташты: «Үчөөңдү, жетөөңдү, тогузуңду, он бириңди, – андан көп болсо, байыңды жедим» – деп айтат. Бир үйгө толтура ташты «бай» деп атайт. Айласын таап ат курап алып тиги оюнчуну кысталтып олтуруп, бир байын жеп алса, көп ташын алган болот. Булар чарасындагы алган таштарын үйлөрүнө тогуздан салганда, бир таш кемип калса уттурган болот. Кыскасы, бир таш же андан көп таш алган киши утат. Бул оюнда бир салган оюн менен жарым күн, же андан көбүрөөк олтуруп ойногондор болот. Кай бирлери жарым саатта да түшүп коёт. Кыйын, чоң оюнчулар кезек менен көчүүдө үч же төрт көчүүгө чейинки оюнду эсептеп билет. Ошон үчүн эки теңгел оюнчу ойносо биринен бири бир ташты эсептеп ашепке алып кетиш эң кыйын болот. Тогуз корголдун көрүнүшү: эки жагын эки киши алып ойнойт.
Упай. Упайды эки киши же төрт, же алты, эң көп болсо он кишиге чейин эки жаат болуп кана ойнойт. Упайдын байгесин ойногон кишилер өздөрү сайышат. Агерде эки айыл же эки селсебет эл ордо, тогуз коргол, упай, чакмак – баарын ойноп мелдешели дешсе, байгеси ошолор тарабынан сайылат. Упай деген оюндун түрү мындай болот: Упай дагы эки дубан же эки болуш же эки айыл же эки эле кишиден ойноло берет. Агерде эки дубан болсо үчтөн же экиден киши чыгарып кыйын упайчыларды алып чыгат. Булардын байгесин дагы ат же андан чоң же аз болсун айтышууна жараша болот.
Упайда үйдүн ичине катуу, калың жаңы кийизден салат. Көлөмү болсо чарчысы төрт-беш метр болот. Ал кийизди тегеректеп оюнчулар жана эл олтурат. Бир белгилүү чоң чүкө же саканы кан деп коёт. Оюнчулар экиден төрт же үчтөн алты киши болот. Чүкөнү үчтөн бир басым деп, бардыгы отуз, же кырк, же элүү басым чүкөнү дандуулап санап коёт. Эки тараптан ат калчашат дагы, кайсы аты конгон жак мурда калчайт. Кан башка чүкөлөрдөн обочо тийишпей жатса кан жаткандай бөгү (пөк) болсо бөгү, чиги (чик) болсо чиги, алчы болсо алчы, таа болсо таа чүкө менен атат. Аткан чүкөсү кандан башка чүкөгө тийбей барып канга тийсе канды алып жалгыз коёт. Канды аткан үч чүкө атмайынча атпайт. Чүкөнү атканда сөөмөйдүн учу менен гана атат. Алганда дагы бармак, сөөмөй менен гана алат. Кокус алып баратканда чүкөсү колунан түшүп кетсе жыдып калат. Чүкөнү үчтөн гана басат. Андан ашык-кем болсо жыдып калат. Бөгү чүкөнүн үстүндө бир чүкө чигинен жатса ал экөө атылбайт, аткан чүкө башка чүкөгө тийип калса жыдыйт. Маселен, кырк басым чүкө болсо кырк бир басым атып алса ажырашкан болуп эсептелет. Андан кем атып жыдып калса аткан чүкөнү кайра чүкөгө кошуп коёт. Жана жыдыгандын өнөгү калчайт. Ал дагы кырк бир басым алалбаса, дагы бирөө калчайт. Ал дагы жыдып калса, тиги тарапка берет. Ал үчөө дагы ажыратып кете албаса биринен сала бири калчап олтуруп, бир киши кырк бир басым алып кетсе: «Ээ, бул ажыратып кетти» – деп калышат. Калган чүкөнү дагы кыркасы менен калчап, бир басым, эки басым атып алса дагы чүкөсүнө кошуп ала берет. Чүкөнүн көп бөлүгүн бир тарап алып кетсе аз чүкө алган тараптын колундагы чүкөгө жараша он басымчы, беш басымчы турушуна ылайык чүкө кошуп, ашык чүкөсүн кыйып алдык деп оюнга салбай алып коёт. Бул сапар канды алган жак мурун калчайт. Алар маселен, он басымдан жыйырма басым чүкө калчалып жатса, он бир басымын каны менен алса ажыратат. Бул үчөө ажырата албай калса берки тарапка берет. Булар чүкөнү каны менен такыр алып кетсе, тигилер жаңкы кыйдык алып калган чүкөсүн кайра кошот. Булар канды баштап жыйырма басымды алып кетсе, алар да колундагы жыйырма басымды бүт кошот. Кан алган, мурда калчап, бул чүкөнүн баарын, көбүн атып алса, калган бир басым же андан көбүрөөк чүкөнү булар алып койсо, баякыдай аз чүкөгө жараша, чүкө кошуп ойной беришет. Үч эле чүкө алган болсо, канынан башка үч кана чүкө кошуп, алты чүкө бар кан – жетөөн эле калчайт. Бул жети чүкөнү бир киши гана бүт атып алуу керек. Мурункудай эле абал мурда канды жалгыз атып, жалгыз басып туруп, алты чүкөнү үчтөн эки басып, бир эле киши алат. Чүкөсү көп жак алып кетсе, беркилер куру кол калып, уттурган болот. Бирак кайра салып бермей бар дешип убада кылса, алдырды деген жак калчап, кырк бир басым алалбаса абдан уттурган болот. Кайра салып бермей жок дешип убада кылса, жандырмагы жок эле уттурган болот. Упайдын жыды боло турган иштери мындай болот: Бөгү менен чигин атса, алчы менен тааны атса, атууга ок кылган чүкөсүнүн жанындакы тийип турган чүкө кыймылдап же билер-билбес шек берип солк эткендей болуп калса же огу менен аткан чүкөсү учкашып калса, же тийишип кайтып алар да кыймылдап бираар шек берсе, же огун тааныбай «аткан чүкөм» деп жаңылыш алса, же бир чүкөнү атайын деп кол сунуп баратып айнып, башка чүкөгө бурулса, атып алган чүкөсүн алам деп колунан түшүрүп жиберсе жаткан чүкөлөрдү басып алып, же тийип алып козгоп койсо, же үч чүкөлөрү ашык же кем болсо жана башкача кокустар менен оозу-мурдунан түкүрүк, насбайга окшогондор чүкөгө тамса же жолдошунан ушундай кырсыктар болсо, ушулардын баары жыдыды деп эсептелет.
Кыз оюну. Кыз оюну бир жигит бир кызга куда болуп, күйөөлөп жүрүп кызды алып, турмушка чыгаарында той берип, көп элди жыйнап ат чаап, кунан чаап, күрөш, оодарыш, аркан тартуу, көз таңмай, тыйын эңүү, улак тартуулар окшогон оюндардан кийин, кайсы бир чоң той болуп калганда, төшөк талашуу болуп өткөндөн кийин кыздын жакын жамаатынан бир кадырлуу киши кыз ойнотом деп, кыз-күйөөнү жигиттер, боз балдар, кыз-келиндерди чогултуусу менен ойнолот. Кыз оюнунун өтүшү мындайча болот: Абал мурда эле кыздын кайын атасы, кайын энеси, күйөөсү төөгө той жүктөп, мал айдап «жыгач түшүрдүм» деп келип калат. «Кыздын атасы кудаларга үй көтөрүп берип, күйөөгө, кызына арнап жасап койгон өргөөсүн тигип, жүгүн жыйып койгон үйгө киргизет. Кудалардын мойнунда салт мал жок болсо күлүк ат, же жорго салт кылып алдырып алат. «Эми тоюңду камдап, ишиңди илгери кыл, кудам»– деп жооп берет. Куда тоюн союп, түндүк көтөрүүгө ат же төө алып барып ишин илгери кылат.
Кыз оюну боло турган мезгил мындай болот: Кыздын кайыны мал айдап, той жүктөп жыгач түшүрүп келип калат. Кудаларга бир үй көтөрүп күйөө, кызды өргөөгө киргизип кыздын сарамжалы бүткөнчө багып турат. Кудалар кеңешип олтуруп түндүк көтөрүүгө даярданып, той берилет деген кабарды элге кабарлайт. Кудалардын сөөк-тамырларынын кошумчаларын алып келишет. Уул атасы кой союп, ишин илгери кылат. Бул учурда жамаат эл келип, тойдун тамашасын кылып, ат, кунан чаап, күрөш, эңиш, аял күрөш, көз таңмай, тыйын эңмей окшогон тамашалар болот. Кыз оюну ошолордон кийин уланат.
Төшөк талашуу. Төшөк талашуу деген оюндун башталышы жана тартиби мындай болот: Бул учурда уул атасынын ага-ини, жар-жоросу тың аттарын минип чыңданып келип калган болот. Кыз атасынын айыл-апа, тууган-уруктары «төшөк талаш оюн кылып бересиң, кудалар?» деген суроо менен төшөк талаш деген оюн болот. Кыз атасынын аялдары, жигиттери тереңдиги бир метрге жакын оро казат. Жаргылчакты эки-үч кат буруп койгон аркандын учуна бекитип, ороонун түбүнө таштап көмүп салат. Аркандын бир учу эки-үч кат болгон бойдон түрүлүп коюлат. Анын тегерегин бардык аялдар сактап жана күйөө тарабына арканды карматпас жана үздүрбөс аракетин кылат. Бул арканды жөө же атчан каптап кирип жулуп алып же үзүп алып кетпесин үчүн арканга жолотпойбуз деп күл же уйдун суюк тезегин, же кык, же ылайга окшогон адамды булгай турган нерсени ошол тегерекке чылап коёт. Уул атасынын эли каптап, качырып киргенде баягы чыланган нерселер менен ургулап, арканга жакындатпастын айласын кылып, аялдар эң бир өлөрүн билбей кадимки уруш темпин жүргүзгөндөй көрүнөт. Кыз атасы тараптагы аялдар ордодогу жаргылчакка байланган арканды жулдуруп, же кырктырып же үздүрүп жиберсе, ал элдин аялдары биринчи байге албай, экинчи чоң намысы кеткен болуп эсептелет: «Кызыбыз башта эле келин болуп калган экен» – деп. Ошондуктан аялдар жан аябай киришет экен. Жигиттерди аттан оодара тартып, анын атын суулуктап, суюк чыланган күл, уйдун тезеги, ылайлар менен аёосуз ургулап, ороо менен арканды өтө сактык менен кайтарышат. Ошондой чакчелекей болуп жаткан кезде жигиттер болсо булганганына карабастан, кыйын аттар менен качырып кирип, бардык күчү менен арканга жетип, үзөңгү боолукка салып, көптөп тартып киришет. Андай тополоң болуп жаткан кезде жигиттердин арканды кыркып жибергендери да болот. Ал жерден кырктырууга мүмкүнчүлүк бербесе, булардын камдап койгон кишиси болот. Сакал, муруту жок тың балдардан бир балага аялдын кийимин кийгизип, элечек ороп же жоолук салып коюп аялдардын арасына кирип барып, чыланган күл, тезек менен жигиттерди ургулап жүргөн болуп, ороонун тегерегине эптеп таанылбай жетсе, сөзсүз арканды кыркып чыгат. Аркан кыркылгандан кийин күйөө тарабынын намысы бүтүп, байге бербей калышат. Агерде айла кылып арканды үзүп, же жулуп алалбай калса ат, төөлүк тартуу менен аялдардын алдына барып, күйөө тарабынан намысы кеткен болуп эсептелет.
Эскертүү: Ар кандай, ар бир кабатынан бир талдан кыркып жүрүп кыркылган жерлерин тарап-тарап коёт. Ал кыркылган жерлердин арасы бир метр же жарым метрден болуу керек жана учтары таралып калыш керек. Агерде туура кыркканы билинип калса күйөө тарабы айыпка жыгылат. Агер аялдар күчтүүлүк кылып баратса кыздын ага-инилери, туугандары дагы эркектин намысы кетпесин деп буруу кийим кийип алып, бети-башын боёп, буруп алып эркектерге болушуп кетет. Бирак өз айлына таанылбайт.
Андан кийин чүмкөнүп олтурган кызды ошол элдин бир кадырлуу кишиси чакырып, конок кылып, кыз оюнун өткөрүүгө камынган болот. Кыз-күйөө баштап жигит, келин, кыз, боз баладан калбай барат. Айылдын четирээк жагына чоң үйдү жасап коюп үйдүн ичи-тышы дебей жаш өспүрүмдөрдүн оюну боло баштайт. Жоолукту эшип коюп ортого таштап, аял, эркек маңдай-тескей болуп олтурат. Эшкен жоолуктун аты токмок деп аталат. Ал оюнду башкарып туруучу жакшы келиндерден болуп, ал жерде улуукичүү, чоң-кичине, жакшы-жаман дебей ойноого акылуу болот. Башкаруучу келиндин уруксаты менен жигиттер ырдап, жар көрүшүү үчүн даярланганда, токмокту аялдар уурдап алган болот. Ырчы жигит: «Токмогум жоголду» – деп суроо салып ырдап жүрүп, араң таап алып, кайталап ырдап, сүйгөн кыз, келинге токмок салып, жар көрүшөт.
Токмок салганда кыз-келиндердин туруп бербей кылыктанып калгандары да болот. Бирак башкаруучу келин анын эркине койбой тургузуп берип турат. Жар көрүшүү дегенде жигит менен кыз аркаларын тийиштирип туруп, жигиттин сол колу кыздын ийнинен артылып барып кыздын төшү жакка сунулат. Анда кыз дагы оң колун жигиттин ийнинен артылта толгоп имергенде жигиттин колун илинтип тарткандай болуп калат. Экинчи сапар дагы ошондой түрдө болуп, ажырашар кезде жигит имериле түшүп өөп кеткени да болот. Көбүнчө теңтушсунуп ойнойлук деп, байынын кызынан төшкө бирди, төбөгө экини муштатып, жыга койдуруп жүргөн койчулардын теңдиги ошол оюнда жетет. Теңсинбей, тоотпой жүргөн кыз-келиндер үчүн ызаланып жүргөн жигит айрыкча ыр үйрөнүп ошол тойдо ырдап чыгууга камынып жүрөт дагы, баякыга токмок салса маалкатып туруп бербей жатып, араңдан ордунан туруп, жар көрүшөт.
Кекенип жүргөн жигит аны көпкө чейин туткактап, элди күлдүрүп куудул сөз же кыймыл менен алаксытып туруп, көп-көп өбөт. Кыз оюндун негизги максаты – кыз өбүү деген сөз. Бул оюнда менин колуктумду өөп кетти деп күйөөсүнүн дагы ичи тарыбайт. Ичи тарыса да тышка чыгара албайт эмеспи. Мындай оюндар чанда бир жерлерде гана болот го. Кыз берген сайын эле болуп олтурбайт го. Төшөк талаш деген оюн кем-кем болот, дайым эле болуп олтурбайт.
Чакмак алышуу. Чакмакты эки, же төрт, же андан арбын кишилер болуп, эки тарап болуп чакмак алышат. Чакмакка киши башына бештен же ондон таш, же чүкөдөн алышат. Агер өтө чакмакчылар болсо байге сайып ойношот. Бекерчиликтин жана шооктун оюну болот. Чакмак деген оюндун түрү мындай болот: Бештен он киши же үчтөн алты киши эки жаат болуп чакмак алууга мелдешип, ар бир оюну сайын бир койдон, же андан азыраактан байге сайып беттешет. Бул кишилер эки айылдан, же эки топтон, же бир эле айылдан болсун, бирден эки эле киши чакмак алышууга да болот. Киши башына 10, 15, 20 таштан ээлешет. Таш деп чүкөдөн алганын айтат. Чоң эмес, кичине эмес, орто чүкөнүн томологураагынан алышат.
Абал мурда чегишип көрөт. Чегишмей деп колундагы он беш, жыйырма ташты алаканынан өөдө карата экчеп жиберип колунун сырты менен тосуп алат. Таштын баары же көпчүлүгү колунун сыртына токтоп калат. Аны кайра өөдө экчеп жиберип, колун таштын үстүнөн имерилтип барып уучтап калат. Ал таштардан бир да бири уучтатпай ыргып кетсе, колундагы калган ташты гана эсепке алат. Жана бири ошондой чегип көрүп, мунун ташы арбын болуп калса, экөөнүн ташын чогултуп алып, бул киши чакмак алмак болот. Эки колун жанаша тосуп туруп, чүкөнүн бардыгын кош уучуна салып туруп жаңкыдай эле чегет. Колунун сыртына жети – беш-төрт чүкө токтоп калат. Аны азыраактан токтотуп калыш чакмакка устачылыгы болот. Себеби жердеги чачыранды жаткан таштарды ошол уучундагы ташка карай тартат эмеспи. Уучунда беш таш болсо жерден дагы беш таш тартып келиш керек. Маселен, колуна бир ташты огум деп кармап туруп, бир жарым же эки метр жогору ыргытып жиберип, ошол огу кайра келгиче жерден беш таш ар кай жерден жыйнап, уучуна алып, жогортон келаткан огун тосуп, беш таш менен бирге кармап келип, беш ташты жерге коюп, баякы огун дагы ыргытып, жанакыдай кылып олтуруп, жерде калган чүкө бешке жетпесе, тим гана чогултуп алып, бул сапар бир ташты музоом деп алып коёт. Анын жанында музоо кайтарып олтурган кишиси болот. Кайра дагы чегип баякыдай эле жол менен алат. Бирак колдун сыртында канча таш токтоп калса, ошончо чүкөнү жерден алып туруу керек болот. Ыргыткан огун кармап алып калса жыдып калат. Агер жерден төрт таш алмак болсо, бир жерде чогуусу менен чокмороктошуп сегиз-тогуз чүкө жатса, огун үч ыргытыш менен топ чүкөнүн четинен улам бир-экиден колдун учу менен бери томолотуп жатып бешөө болгондо алып кетет. Огун үч ыргытканда уучтабай гана алаканы менен кайра кагып жиберип турат. Бирак ок жай келсин деп эки, үч метр алыс кагат. Ал өтө адистик менен какпаса ок башка кетип калуу мүмкүн. Чакмактын чыры боло турган жерлери – огун кармай албай калса, жерден тартуучу ташты артык же кем тартса, топтуу таштын четинен илип тартуучу таштан башкасына колун тийгизип алса жыдып калат. Жана жердеги чачылып жаткан таштарга тийип калса дагы жыдыйт. Ар бир чегип алган сайын бирден ташты музоо кылып олтуруп, тиги тараптан бир же андан арбын музоо ашык алса эле уткан болот. Чакмакты бири жыдыганда бири алып, кезек менен ойношот. Экиден, үчтөн жаат болуп ойносо бир жаат алып бүткөндө тиги жаат ойнойт.
Оромпой тебүү. Оромпойду боз балдар, жигиттер бештен же алтыдан көп киши болуп, эки тарап болуп оромпой тебет. Тептирип салган кишилер оюндан калып олтуруп бир жааты утат. Оромпой тебиш деген оюндун түрү мындай болот: Балдар он, он бештен эки жаат болуп бөлүнүп алат. Бөлүнөрдө эки тараптан аксакал болуп чыгып, бирден баланы кезеги менен тандап, балдардын барынча бөлүп алышат. Баягы башлык болгон эки бала чөп жашырышат. Чөп жашырган мындай болот: Элден обочороок туруп чөптү үзүп алып эки алаканына салып, оозуна сала койгон болуп, эки колунун бирине жабыштыра коюп, колдорун жумуп калат. Берки бала барып өзүнүн эки кулагын чукугансып туруп, тигинин бир колун ачып көрүп, чөптү таап алат да, тигилерди: «Баскыла, чөккө киргиле» – деп айдайт. Чөк деп чарчысы алты-жети саржан жерге тегерете короо шекилдүү тегерек коюп койгон балдардын кийимдерин айтат. Оюндун тартиби боюнча тигилер чөктүн ичине кирип бир бутун бүктөп алып, бир буту менен соксоңдоп оромпой тээп жүрө берет. Тиги тарап качырып кирип буларды жаакка, куйрукка, капталга, кайсы туш келген жерине алакан менен тартып жиберип, качып берет. Аны кубалап, оромпойчондор жетип тээп калса тигилерди чөккө киргизе кууп барып салышат. Жанакыдай алар дагы аксаңдап жүрө берет. Кайсы бир учкаяк күлүк балдар оромпойчондорду «бөйдөй-чайдай» деп туш-тарабынан качырып кирип алдастатып, көп уруп кетишет. Булардын жыдып калмайы эле оромпойчонго тептирип салганы болот. Оромпой тээп жүргөндөр бүктөп жүргөн буту менен гана соксоңдоп жүрүп тээп алганда гана уткан болуп эсептелег.
Дүмпүлдөк. Дүмпүлдөк боз бала, келин, кыздардын оюну болот. Көпчүлүгү түнкү ай жарыкта ойнолот. Күндүз эркек балдар гана ойнойт. Дүмпүлдөктүн тартиби: Дүмпүлдөк деген оюнда дагы балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырмай кылып чөптү табалбай калса ошол тарап жатат. Жатканда балдардын бир тарабы чокмороктоп баштарын катып, көчүгүн томпойтуп тизилип чөгүп жатып берет. Алардын үстүн чапандары менен жаап коюп бир күлүк бала аркандын бир учун жаткан балдарга карматып коюп, бир учун колуна кармап алып жаткан балдарды кайтарып коруп турат. Тигилер туш-туштан «бөйдөй-чайдай» деп качырып кирип кийиз байпак эшкен жоолуктар менен чогулуп жаткан балдарды токмоктоп кетет. Аркан кармаган бала улам бирин кубалап, тап берип кайра чуркап жатып ал кара сууга түшүп, жинигип калгандай болуп жүрүп кабылта түшүп тигилердин бир кашаңыраак баласына жетип тээп калса, чачыла чурулдап тура калып «чөк байтал» деп тигилерди жаткырат. Бул таяк жеп калгандар жанын аябай кашаңдарын токмоктоп кирет. Булардын аркан кармап, коруп жүргөн баласы өтө шамдагай, күлүк бала болсо, жаткан балдарын көп урдурбайт. Бул аркан кармаган баланын бет алып жүрүшү бир тарапта болсо дагы көздөрүнүн кыйыгы эки жагынан жана аркасынан кетпей, эң бир сак болуп жүрөт. Камалап турган балдардын энөөрөөгүн, кашаңыраагын байкап туруп качырып сала берип, байкоосуз турган баланы шамдагайлык менен барып оң буту менен тээп калса, чөктө жаткан балдарын куткарып алат. Агер чөктөн чыгып барып тебишке болбойт. Чөккө жатпаган балдар чөктүн тышында жүрө берет. Тепкенде кийимине тийсе да жарай берет. Жаткан балдар эч кандай аракет кылууга болбойт. Таяк жебей жатканына эле маашыр алып жата берет. Бул эки тарап өчөгүшүп алса же алардын арасынан бир-эки баланын эрегишип жүргөн жери болсо, байпакка таш алып да чабат. Ал чабуучу баланын кайсы жерде жатканын даана билип туруп чабат. Алардын көбүнчө өчмөнтөйлүү болуп калганы бул оюнда кыз, эркек дебей аралашып ойнойт эмеспи. Өзүнүн айлындагы кыз тигил айылдын баласынын тарабында болуп, чөктө бирге жатып калса ошонун ич күйдүсү менен аябай чабууга кыжырданат, же мурда бир урушуп калган балдар болсо баштакы ичинде жүргөн кеги менен чабат. Анын байпакка таш салып чапканы билинип калса ал бала айыптуу болуп, тогуз шап берип кутулат. Шапты таяк жеген бала өзү алат. Шап деген сөз сөөмөй, ортону менен аябай билекке чабат.
Шабиет ойну. Шабиет деген оюнду жигиттер жана боз балдар гана ойнойт. Бештен кырк кишиге чейин эки бөлүнүп алып ойношот. Шабиет тебүүнүн тартиби, шабиет деген оюндун түрү мындай болот: Жигит оюну болот. Жигиттер теңделип алып эки бөлүнөт. Булар дагы чарчысы он саржанга чейин жерге тегерете чөк кылабыз деп кийимдерин таштап коёт. Баякыдай чөп жашырышып, чөптү таап алса чөп жашырган тарапты чөккө киргизип салат. Бул чөккө киргендер эки колу, эки буту менен төрт аяктап жүрөт. Оюндун тартиби тигил чөктүн тышындагылар буларды алаканы менен кайсы кез келген жерине чапканы келе жатканда ошол төрт аяктап атырылып барып тизеден төмөн тебет. Эгер тизеден жогору же кийимге тепсе жарабайт. Чөктүн ичинде калган киши болсо, бардыгы төрт аяктап тебүүгө болот. Агер тура калып тепсе же оң буту менен теппей, сол буту менен тепсе жарабайт. Мында чөктөгүлөрдү чапканы келаткан жигиттердин шамдагай, жеңилдери оңун таап туруп катуу качырып барып чаап жиберип, бийик түйүлүп алыс түшүп тептирбей кетет. Бул шабиетке өтө ылдамдык, шамдагайлык, жеңилдик керек. Чөктө жаткандардын кайсы бир кыраакы шамдагайлары тигилердин шектүү, кыйындарын астыртан байкап туруп катуу келатканда туурасынан төрт аяктап качырып барып тосо калып тээп салат. Ошондой утуру карай капыстан тосуп тепкендерден бут сынып да калат. Бул оюнда дагы маңоо тарпан кишилер көп тептирип салат. Маселен, тыяктагы кишини бир жигит качырып келатса, буякта алыс эле жерден алдын тосо коюп, төрт аяктап качырып барып туруп, чуркап жүргөндөрдү куткарбай тепкендер болот. Чөктөгүлөрдүн экөө-үчөөн катар секирип барып жаакка алакан менен тартып өткөндөр да болот. Кайсы жагы болбосун, күлүк, карылуу, жеңил, ыкчыл жигит эле кыйын болот. Туруп жүрүп эле эки буту менен качып баратып жеткирип салган салпаяктар да болот. Буларда байге болбойт. Бошоң жагы, чыйрак тараптан таяк жегени гана жетишет. Кээ бир маңоо жигиттер байкоосуз олтуруп таякты көп жейт. Капталы, жаагы, башы, далысы кызарып, төрт аяктап мөңкөңдөп жүрсө карап олтурган элге далай күлкү болот. Бул шабиет ойногондор ыштанчан, шымчан гана болуп, башка кийимдерди бүт чечип коёт будоо болбосун үчүн. Шабиет оюнун эски чөөт болбогон майда чөптүү, жумшак жерге ойногон жакшы болот. Себеби жанакыдай күүлөнүп, катуу чуркап келаткандарды тосуп тепкенде, катуу жыгылат. Жана төрт аяктап атырылып, катуу кырданып жөнөгөндө колуна темир же жыгач кирип жарадар кылып коёт. Же колу чыгып кеткендер да болот. Чындап кызып ойноп эки жак теңдешип турганда шака-шука, дабырт-дүбүрт болуп чабал жигиттердин алы кетип калат. Шабиетти өз жолу менен ойноп жаткан кезде кол сынса, бут сынса, баш айрылса дагы эч кандай доомат же айып болбойт. «Оюндан от чыгат» деген сөз бар эмеспи дешет.
Элден-элден эл чабар. «Элден-элден эл чабар» деген боз балдар жана он бир, он жашар кыздардын оюну болот. Муну да канча болсо да, эки бөлүнүп алып ойнойт. «Элден-элден эл чабар» деген оюндун түрү мындай болот: Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат. Чөптү таппай калса, тиги тарап биринин колун бири карап, кыркасы менен туруп берет. Бул катар тургандар чымырканып колдорун бекем кармашып туруп тиги тарапты чакырат: «Элден-элден эл чабар. Чалагыз деген бок чабар» – деп. Чалагыз эркек бала катуу чуркап барып, күч менен катар турган балдардын кармашып турган колдоруна катуу тийип өтөт. Аны өткөзбөй токтотуп кала албаса ортосунан бөлүп, акырыраак жагын айдап кетип, өзүнүн тарабына кошуп алат дагы, кол кармашып катар туруп, тигил алдырган жакты чакырат: «Элден-элден эл чабар. Итибай деген бок чабар» – деп. Итибай дагы эң бир кайраттанып катуу барып бузуп өтөм деп, өтө албай калса, колго түштү деп, аны дагы катарына тизип алышат. Кезеги менен тигилер дагы чакырса, дагы барып бузуп кетсе кетти, буза албай калса колго түшүп калат. Кыскасы, кезек менен бир тарабы бир тарабын чакырып токтотуп калып, өз тарабына алып, качырып барганда буза коюп, бөлүп кетип жүрүп, бир тарабын калтырбай жеңип алганда эң артта калган баланы сен башчысың деп таардап кетишет дагы, кайрадан башка оюнга киришет.
Токту сурамай. Токту сурамай дагы он, он эки жашар эркек, кыз балдардын оюну болот. Канча болсо эки жаат болуп ойношот. «Токту сурамай» деген оюндун түрү мындай болот: Балдар эки тарапка тең бөлүнүп алып, өйүзбүйүз болуп кырка олтурат. Ар бир балага чакыртып ат коюп алышат. Чөп жашырышып, кайсы таппай калган жагы тынч олтуруп калат. Берки тарабынан бир бала туруп барып, тиги тараптын бир баласынын көзүн эки колдоп алаканы менен басып туруп, өз тарабынан бир баланы жаңы коюлган атынан айтып чакырат. Мисалы: «Туткуч, Туткуч?» – деп. Туткуч келип көзү басылып турган баланы чекеге катуу чертип кетет дагы, өз тарабына барып ордуна олтуруп калат. Көздү басып турган бала көзү басылып турган баладан: «Күзгүбү, таракпы?» – деп сурайт. Ал бала «күзгү» деп койсо, күзгү деп анын көзүн алаканы менен бек сыдырып кетет. Көзүн сыдырткан бала ордунан туруп басып, тиги тараптан Туткуч деген жаңкы чекеге черткен баланы таап алат. Таап алса колунан жетелеп алып келип өз тарабына кошуп алат. Агер таппай калып, бөлөк баланы кармап калса ошол тарапка олтургузуп алышат. Андан кийин берки тараптан бир бала туруп барып тигилердин бир баласынын көзүн басып туруп өз тарабынан бир баланы: «Чымчык, бери кел!» – деп чакырат. Жаңкы аты Чымчык коюлган бала келип көзү жабылган баланы чекеге катуу чертип кетип, барып ордуна олтуруп калат. Көзүн басып турган бала: «Майбы? Көмөчпү?» – деп сурайт. «Май» – деп койсо «майы» деп көзүн сыдырып коёт. Ал бала барып чымчыкты таап алат да, өз тарабына алып келип кошуп алат. Таппай калса, ошол жакка отуруп калат. Кыскасы, кезек менен ошондой ойноп олтуруп акыры бир тарабы утуп чыгат. Утканы эле бир тарапка бала койбой өзү тарабына жыйнап алуу болот. Уттурган тараптын башчы болгон баласын таардап, бардык бала тебелеп кетишет. Бул оюн ушул түр менен ойнолуп бүтөт.
Селкинчек. Селкинчекти келип, кыз, боз бала, жигит аралаш ойнойт. Мында эки бөлүнбөй эле оюн-шоок үчүн айылдын арасына же чет жагына селкинчек салып коюп, күн-түн дебей бош боло калганда эрмек үчүн ойнолот. «Селкинчек» деген оюндун түрү мындайча болот: Эки-үч айылдын кыз, келин, боз балдары чогулуп келет. Ортодоку айылдын жанына орнотуп койгон карагайга жаңы, жакшы аркандарды селкинчек кылып байлап коюп, айдын жарыгында, күндүн ачыгында, жайлоонун түзүндө селкинчек тебе башташат. Бир боз бала, бир кыз болуп же бир жигит, бир келин болуп селкинчек тебишет. Буларды эки жагынан эки бала катуу күүлөп турат. Этектери жорунун канатындай зуулдап, селкинчек тепкендер көккө бир чыгып, жерге бир түшкөнсүп, ойку-кайкы болуп, тамандары менен тизелерин бүгө коюп, өздөрү дагы күүлөнүп жүрүшөт. Бул оюн кызып калган кезде жигиттер, келиндер, боз бала менен кыздардан калбай келип, далай убак селкинчек тээп жатышып бүткөндөн кийин, эки-экиден болуп житмей ойнойбуз деп өз-өз сүйгөн теңтуштарын алып туш-тараптарга кетишет. Андай убакта кокту жерлер табылганы эле эң зарыл болот. Кай бир кыз-келиндерди энелери сак болуп туруп селкинчек тарагандан кийин эле житмейге жибербей, үйүнө алып калат.
Ак чөлмөк. Ак чөлмөктү дайым түнкүсүн ойнойт. Келин менен жигит кем-кем гана жумушу болуп калып барып аралашпаса, боз балдар, кыздардын оюну болот. «Ак чөлмөк» деген оюндун түрү мындай болот: Балдар эки бөлүнүп алып, башчы болгон балдар чөп жашырышат. Чөптү таап алган тарабы ак чөлмөктү колуна алат. Ак чөлмөк деген тутамга ченеп кесип койгон, копшогон жумуру, ак жыгач болот. Муну колуна алган тараптан бир карылуу бала алыска ыргытат. Көзүн айырбай карап турган балдар эки тарап бүт бойдон жүгүрүп калышып, ак чөлмөктүн түшкөн жерин көзөмөлдөп барып, издеп калат. Ай жарыкта тез эле таап алышат. Ай караңгы болсо көпкө издеп жүрүп табат. Таап алган бала эч кимге билгизбей коюунун аракетин кылып, таштаган чөктү көздөй кетүүнүн айласын кылат. Аны аңдып, байкап жүргөн балдар кармап алып тинтип көрүп, ак чөлмөктү билип калса, талаша башташат. Ал бербеске тырышат. Булардын жулкушуп жатканын көрүп, эки тарап бүт бойдон келип талашат. Ал бала өзүнүн тарабына бере коюп кутулуунун аракетин кылып үймөлөктөгөн көп баланын алдында калып: «Ой, өлүп кеттим» – деп бакырат. Ошондо кээлерди өз тарабы сүйрөп алышып, кармашып жатып баланы бошотот. Ошол эле түр менен улам колуна тийгени алып качып олтуруп, эки тараптан бири чекке алып барат. Алып барган тарабы алып барбай калган тараптан байгеге салган шаптарын алат. Бул тараптан дагы бир күчтүү бала ыраак ыргытат. Баягысындай эки тарап жалпы чуркап барып чөлмөктү издеп, жерде агарган нерсе болсо эле кармай беришет. Бир бала таап алып чололоп туруп жанынын бардыгынча чуркап жөнөйт. Тигил тараптан чөк жакты тосуп калганын көрсө, башка жакка качат. Балдардын баары артынан кууп жөнөйт. Жетип кармап калса баякыдай балдардын баарысы келип тинтишип жатып калат. Ак чөлмөктү биринен бири алып, бир жагы кармашып, башка бир жагы ала качып чөккө келип калат дагы, байгеге сайган шаптарын алат дагы, бөлөк оюнга киришет.
Жөө оодарыш. Жөө оодарышка жигиттер, боз балдар катышат. Келин, кыз, кары кишилер катышпайт. Бирок карап олтуруп көрүшөт. Муну дагы эки бөлүнүп алып ойнойт. Жөө оодарыш деген оюндун түрү мындай болот: Баягы эки тарап, эки топ болуп туруп, арасынан бирден баланы аң кылып, атайын бирден тың баланы баатыр кылып атап, эки балбан баланы эки баатыр бала минип алып, оодарышка чыгышат. Бул ат болуп жүргөн балдар төрт аяктап жүрөбү, эки аяктап жүрөбү, эки тараптын убадасы боюнча жүрүшөт. Ат болуп жүргөн балдар балбандыгынан үстүндөгү баатырын алдырбай өтө омоктуулук менен далайга сактап жүрөт. Минип жүргөн балдар колдон, буттан, моюндан алып аябай жулкушат. Кай бирлери шымдак алышабыз деп шым, ыштандарын айра тартып жулуп-жулуп алат. Шымымды, ыштанымды айрып салды деп ызаланган бала уруша кетет. Калыс балдар: «Баатырдын шымы айрылганда уруша кетчү беле» – дешип аш, тойдоку оодарыштарды көргөндөрү ажыратып коёт. Агер ажырашпаса бир аз мушташып басылат. Кайрып башка балдардан ат кылып, баатырды аткарып оодарыштырат. Оодарыштан алып кеткени байгеге сайган төөматегин алат. Төөматек деген сөз алдырган баланы жылаңбаштап туруп, оодарып алган бала колун шымаланып туруп, төбөсүнө чыканагын коюп туруп, катуу тартып, кайра сүрүп, муштуму менен бери сүрүп, кайта нары муштап кетет. Бул оюн кыскача ушундай түр менен кана ойноло берип бүтөт.
Сартча алышуу. Сартча алышууда жигит менен боз балдар эки бөлүнүп алып ойнойт. Мында ойноочулар күчүн, шамдагайлыгын, маштыгын көрсөтүп тиги тараптан кыйындыгын көрсөтүүгө негиздеп ойнойт. Кары кишилер, келин, кыздар карап олтура берет. Сартча алышуунун түрү. Сартча алышууда эки жаат болбой эле чогуу балдар арасынан эки тең баланы белине бышык кур курчап чыгарат. Ал эки бала белиндеги курдан бекем кармашып алып бери кайкалай бергенде, колун кайчылай коюп көтөргөндө кайкалаган баланын эки буту көтөргөн баланын эки ийнине артыла түшөт. Ошону менен булар токтоло калбастан чек кылып койгон он саржан жерге тынбастан шапа-шуп көз илешпей, улам бирин сартча алып жүрүп олтурушат. Булар чөккө жетсе: «Баракелде, баракелде!» – деп чурулдап калышат. Жете албай бирин бири түшүрүп жиберсе балдар күлүп калып, түшүрүп жиберген баланы четке тургузуп коёт. Бул оюнду көп ойноп машыккан бала эч бир түшүрбөй алыша берет.
Чикит чапмай. Чикит боз балдардын гана оюну болот. Көпчүлүгү тогуз, он жаштан төмөнкү жаш балдар ойнойт. Чикит деген оюндун түрү мындай болот: Эки бала чыгып чикит чаба турган болсо, абал эле жерди узатасынан жырып коёт. Камчы сабындай болгон бир жыгачты таяк деп белендеп коюп, тутамга ченеп бир жыгачты баякы жырган жерге көпүрө коюп, бир бала колундагы таягы менен жырган жерге салып туруп, көпүрө болуп турган кыска жыгачты көтөрүп иет. Ал кыска жыгач көтөрүлүп жогору чамгарактай түшкөндө катуу чабат. Таамай тийсе жыгач алыс барып түшөт. Берки жыгач чаппаган бала барып ал жыгачты баякы жыдыманды болжоп, өлчөм менен ыргытат. Жыгач келип жыдыманга жакын түшөт. Жыдыман менен жыгачтын ортосуна таякты салып көрүшөт. Таяк жетип калса жыгачты алып келген бала жанакыдай үйрүп туруп чабат. Жыгачтын түшкөн жеринен барып мурда чапкан бала жыдыманга болжоп ыргытат. Таякты салып өлчөп көрүшөт. Жыдыман менен чикитке таяк жетпей калса, чикитти чапкан бала элеймин деп таягы менен чикит жыгачты элейт. Элегени таяктын учунараак чикит жыгачты туура коюп алып аста-аста өйдө секиртип астынан өйдө уруп турганды айтат. Чикит деген жаңкы чабылып жаткан кыска жыгач болот. Эми элегенде нече жолу чикитке тийсе санап туруп чикитти учунан сол колу менен кармап алып оң колу менен таякты алып катуу чабат. Баякы элегенде беш санаса беш жолу чикиттин түшкөн жеринен нары карай чаба берет. Ал убакта чикит менен жыдымандын ортосу кыйла алыс болуп калат. Ошол алыс жерден берки бала чикитти колуна алып туруп: «Акбай, Токбай караменде кашка тай, кулу-кулу кула тай, куруп кетсин Мандабай, Акалекей-чакылакей, чаар бака, темир така, Боронбай бүкүр, бооруңа түкүр, чабалекей чам-чум» – деп оозун кымтыган бойдон жыдыманды көздөй катуу жүгүрөт. Жыдыманга чейин чым деген үн басылбай келип жетсе кутулат. Агер жетпей калса, келатып үнү басылып калса, берки баланы көтөрүп алып кайта баштан «чым» деп жүгүрүп келип, жыдыманга жетет. Анда дагы үнү басылып калса, кайра барып баягы чикитти алган жерден жанакы сөздүн баарын айтып туруп «чым» деп дагы жүгүрөт. Анда дагы келатып үнү басылып калса, дагы берки баланы көтөрүп алып «чым» деп келет. Үнүн баспай жыдыманга жетсе кутулду. Агер үнү басылып калса уламулам кайта бара берет. Чикит абдан алыс жерге чабылып калган болсо, ал бала кыйналат. Жакын жерден «чым» деп келсе, кайта чикитин чабыша берет. Бул чикиттин алыс барып, жакын барышы жанакы элегенден болот. Көп элесе көп жерге чабылат. Аз элесе жакын эле жерге «чым» деп кутулуп калып, ойной беришет.
Көлгө түшмөй. Көлгө түшмөй боз балдар жана ошолор катарлуу кыз балдардын оюну болот. Эки тарап болуп ойнолот. Көлгө түшмөй деген оюндун түрү мындайча: Балдар эки жаат болуп алып чөп жашырышат. Анда чөптү таба албай калган жагы бир аркандын эки учун туюктап алып, ошол аркандын ичине чогулуп алып турушат. Анда чабал, кашаң, алы жок балдарды ортого коюп, күчтүү, шамдагай, күлүк, тың балдар арканды жыйнап алып туш-туш жагын карап турат. Анда тиги тарап туш-туштан камап кирип келип, тебетей, калпактары менен көлгө түшмөйдүн ичинде турган балдарды туш келген жерине аябай чаап кетишет. Анда баякы арканды жыйнап турган балдардын бир же экөө бир жакты бет алып, тигил тараптын балдарын чабам деп келатканда кармап калуу үчүн жыйнап алган арканын жазып жиберип, катуу күч менен качырып калганда, кармап токтотуп калса, тиги жаатты көлгө түшүрөт. Агерде токтото албай калса тим тура берет. Ошентип кай бир убакта карылуу балдар арканын жазып жиберип, катуу качырганда өзүнүн көлгө түшмөйдүн ичиндеги балдары, кыйрап жыгылат. Андан берки тарап буларды тегеректеп алып, кыйла токмоктоп салышат. Ал жыгылып жатып кармап калса беркилерди көлгө түшүрөт. Бирак жыгылган тарапты буттан, колдон сүйрөп, будалап жүрүп жакында карматпайт. Ошентип тигилердин бирин кармап токтотуп алмайынча көлгө түшмөйдүн ичиндеги балдар көп таяк жеп калат. Кармап калганда булар дагы тиги тарапты ошондой сабашат.
Жашынмак. Жашынмак дагы жаш балдардын, кыздардын оюну болот. Эки бөлүнүп ойнойт. Жашынмак деген оюндун түрү мындай болот: Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат. Чөптү таап алса берки жагы баштоого камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынышат. Мисалы, жыйган отундун, чөптүн араларына, далдааларына кирип калышат. Же болбосо жардын түбү, терек, тал, карагайдын бутактарынын арасына чыгып барып далдаланып олтуруп калышат. Же үйдүн ичинде чыгдандын ичине, тактанын алдына, жүктүн бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Андан эң бир кыраакы балдар аялдын, кыздын кийимин кие коюп элдин катарынан орун алып олтуруп же жумуш кылып казанаяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет. Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт. Ошентип жашынган балдарды таап алса, кайра жашынат. Агер таап ала албай калса берки балдар атынан айтып чакырганда: «Бир тай, бир тай» – деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса «бир тай» деген балдар уткан болот. Агер таап алалбаса алар дагы: «Бир тай, бир тай» – деп келип эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып, таптырбай койгону гана кыйын, кыраакы, эстүү бала экен делип калат.
Маңгел уруу. Маңгел урушуу талаалардагы отун алып же мал багып, кой, козу кайтарып жүргөн балдардын мелдешүү оюну болот. Байге сайып коюп ойнойт. Маңгел уруу деген оюндун түрү мындай болот: Бир топ бала куурай же чий оруп, отун алып жүрүп мелдеше кетет дагы бир көтөрүмдөн же бир кучактан отун сайышып коюп бир куурайдын башына бир тезек же бир жампаны сайып коёт. Ошону алыстагы, аркан бою жерден маңгел менен урушат. Уруп алганы баякы отундун баарын алат. Ута албаганы сайган отунун бере берет. Канча урса да уттурган жактын эрки болот. Маселен, бир таңык куурайды кичинеден бөлүп сайса, ошол отун түгөнгүчө саям десе, өзү билет.
Урмай уруу. Урмай урганда кемирчек казып жүргөн балдар он, он бештен кемирчегин байге кылып сайып коюп, катар туруп алышып, колундагы бычактарын аркан бою эле, жарым аркан бою жерге тик сайылма кылып, кырданып ыргытышат. Топтуу бала болсо алардын бычактарынын бири жатып калат, бири жантык болуп сайылат, бири типтигинен сайылат. Ошонун тик сайылган бычагы утат. Бардык байгени ошол бычактын ээси – бала алат. Бул урмай урууну дагы көпкө чейин урат. Агер бир бала бардыгын утуп алса: «Мен баймын» – деп, элди тойго чакырдым деп уткан кемирчектерин, боорсогум, этим, – деп туурап-туурап балдарга берет. Өтө сараң бала болсо той бербей да коёт.
Жоолук таштамай. Эркек кыз, жаш балдардын оюну болот. Кай бир жаш келин, боз балдар дагы катыша алат. Шоок үчүн ойнолгон оюндар болот. Жоолук таштамай деген оюн мындай болот: Балдар канча болсо тегерек олтурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи бир бала жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы менен кыдырата басып келатып жоолугун бир баланын аркасына, эч кимге билгизбей таштап кетет. Анын таштаганын билбей калса, дагы айлана басып келип, жоолук ташталган баланы, жоолукту ала коюп сабап калат. Ал таяк жеген балдарды айлана качып, кайтып келип ордуна олтурат. Ал качкан бала – балдардын аркасы менен качат. Анда да кубалап сабай берет. Агер качкан бала, бат жетейин деп, ордун көздөй баратып балдарды аралай жүгүрсө беш айланта кууп жүрүп сабаш керек болот айыбы үчүн. Анан биринчи эле жоолукту таштап кетээри менен билип калса, жоолук таштап кеткен баланын аркасынан кууп жүрүп сабай берет. Ал таяк жеген бала качып олтуруп сабап жүргөн баланын ордуна келип олтурат. Агерде сабап жүргөн бала өтө куу, шум бала болсо ал дагы кууп бараткан баланы колу менен жете-жетейин менен сабай берип, жоолугун башка бир баланын аркасына таштап кетет. Ал бала тигилердин кызыгына батып күлүп жатып билбей калса, кайра барып ал баланы сабайт. Балдардын баарын алаксытып, күлдүрүп коюп улам биринин аркасына таштап кетип жүрүп далайын сабайт.
Эшек секирмей. Эшек секирмей боз балдар жана жигиттерден аралашып ойногон оюн болот. Бул оюн дагы шамдагайлык, күчтүүлүк, маштыкты үйрөтөт. Эки жаат болуп ойнойт. Эшек секирмей деген оюндун түрү мындай болот: Балдар экиге бөлүнөт дагы таяк кармашат. Бир таякты ыргытып жиберип биринчи жааттын баласы туруп кармап калат. Экинчи жааттын башчы болгон баласы тигинин колунун жогору жагынан кармайт, кайтып 2 бала анын өөдө жагынан кармайт. Ошентип, улам бири кармап олтуруп учуна чыгат. Таяктын учу жетпей калган бала жеңдирген болуп калат. Жеңдирген тараптын бир кабелтең тооштуу баласы эң алдына казык болуп тикесинен турат. Анын аркасынан бир бала казык болгон баланын белинен кармап эңкейип турат. Анын жамбашынан кармап дагы бир бала турат. Бала канча болсо биринин аркасынан бири чиркешип, эңкейип туруп беришет. Анда берки тарап балдардан бир учкаяк, жеңил бала эң алдыда жүгүрүп катуу барып тигилердин аркасынан секирип барып жеткен жердеги эңкейип турган балдардын биринин жонуна минип калат. Анын аркасынан бири секирип барып алдыңкыларынын артындагы балага минип калат. Калган балдар канча болсо улам бири секирип барып, биринин аркасынан бири учкаша берет. Агерде бул секиргендердин бир да бири менен кала алалбай оодарылып, жыгылып калса жеңдирген болот. Бул эңкейгендерге туруп берет. Жыгылбай эле бардыгы секирип келип минип калса, эң алдыңкы келип минип турган бала дем албай элүүгө чейин санат санайт. Ошого чейин жыгылбай же буту жерге тийбей минип турса, кайра дагы секирип мине берет. Булар секирип келип минип жатканда эңкейип турган балдардан бирде бири майышып жыгылып кетсе, булар жыдып калган болуп, жаңкылар дагы кайра секирип мине берет. Секиргендер оодарылып жыгылып калып же буту жерге тийип калса эңгендер секирип минет. Анда дагы жогоркудай тартип менен ойной беришет. Бул учурда эңкейип турган балдардын биринин үстүндө эки же үч бала минип калса жыгылып калууга болот, секирип минип жаткандарга орун калбай, секирип келип минерге жер таппай калса жыдып калат. Жыдыган деген жеңилди деген сөз болот. Ушундай тартип менен ойноп бул оюн бүтөт.
Ханым дат. «Ханым дат!» оюнун жигиттер, келиндер, кай бир боз балдар, кыздар жана жигит агасы болуп калган, аял ортону болуп калган адамдар дагы ойнойт. Бул көпчүлүгү, дат урууда, күлкү, шоок үчүн көп ойнолот. «Ханым дат» деген оюндун түрү мындай болот: Эркек, аял, жигит, келин, кыз болуп жоон топ киши бир үйдө олтурса
«Ханым дат» ойнойлу дешет. Хандын ою кандай болсо аткарышмай деп убада кылышат. Бардыгы тегерек олтуруп алып бир чүкөнү өкчөшөт. Кимдин чүкөсү алчы консо ошол киши хан болот. Жана бирөөнүн чүкөсү алчы конуп калса хандыкты ошол алат. Ошентип олтуруп бирөөнүн чүкөсү таа конуп калса ал ханга увазир болот. Ал экөө олтура берип, башкалары өкчөй берет. Бөгү түшүп калса эч нерсе болбойт. Анан чиги түшүп калса, ошол өкчөп чиги түшүргөндү увазир келип кармап: «Ханым дат!» – дейт. «Датың болсо айт!» – деп хан жооп берет. Увазир баландай малымды уурдап ушул киши алып баратыптыр деп арызын айтат. Хан туруп ой кылат: Билекке үч чап же ууртунан булчуй ал, же төөмантек ал, же кара кашка кой, же аңыр этин жедир, же түлкү сүйрөт, же чекеге черт, же мурунга черт деп. Бул айтылгандардын бирин гана ойлойт. Бөлөктөрү ар ким ууру болгондо ойлонулуучу нерселер. Ошентип хандын ойлогонун аткарат. Бул арада чүкөнү баякы ууру болгон киши кайра өкчөйт. Алчы түшсө хан болуп калат. Таа түшсө увазир болуп калат. Бөгү түшсө кутулуп кетет. Чиги түшсө дагы ууру болот. Анда дагы увазир ханга барып: «Ханым дат!» – дейт. Хан: «Датың болсо айт!» – деп, дагы жооп берет. Жанакыдай балан малымды уурдап баратыптыр дейт. Анда жанакылардын бирин дагы ойлоп салат. Аны дагы аткарат. Ошентип олтургандар ошондой жол менен ойноп олтура берет. Хан кай бир каары келген кишиге көп ойлоп салат. Мисалы, тогуз саап, тогуз булчуй деген сыяктуу. Аяган кишилерге аз гана ойлойт. Бир шап же чекеге черт дегендей. Кээ бир убакта келин, кыздардан ууру болуп калса ууруңду бетинен өөп кой деп дагы ойлойт. Ал кезде бир кишинин өкчөгөн чүкөсү алчы түшүп калса эски хан түшүп, бул киши хан болот. Таа түшүп калса увазир түшүп калып, берки киши увазир болуп калат. Агер оңко түшүп калса ал киши түшпөс хан болот. Анда алчы түшүргөн киши увазир болот. Таа эч нерсеге жарабайт. Ошолордун арасынан бир тили тантык киши же келегей тилдүү киши ууру болуп калса, же бир келиндерден ууру болуп калса, же бир уяттуу жашыраак жигиттерден ууру болуп калса буларга ушундай деп жаңылмач айтып берип кутулсун дейт:
Беш жүз кашка эшек, Бешенеси башка эшек.
Баспай калсаң баткактан Башың тийсин ташка эшек. (Бат-бат айтылат.)
Айран куйган аш аппакпы, Суу ичинде таш аппакпы?
Бир жагыма машак артындым
Бир жагыма таш артындым
Машагым ооп ташыма тиет, Ташым ооп машагыма тиет.
Машагым ооп ташыма тиет.
Ташым ооп машагыма тиет, –деп бат-бат айтат. Андан уурулуктан кутуласың деп кыйнаганда оюндун тартиби боюнча айтпай коюуга болбойт. Бул жаңылмачтардын бирин бат-бат айтпаса эл катары тогуз шап берип кутулат. Шаптан качкандар жаңылса да айтып кутулат. Бирак күлкүнүн көптүгүнөн шап бергендер ашыгыраак кыйналат. Төтөн тили келегей же чулдур кишилерди кайра-кайра айттырганда күлкү басылбайт. Кара кашка куймай деген – көмүрдү чайнап туруп ууру болгон кишинин маңдайынан мурдунун кыры ылдый куят. Түлкү сүйрөмөй деген бир жалпак идишке күлдү салып алып, күлдүн ортосун жылга кылып коюп, теринин өөнүн сүйрөп, ошону тиштеп ал деп күл менен сүйрөйт. Аңыр этин жедирмек деген – астыңкы, үстүңкү эрдин кармап алып «аңыр этин жедим» дедирет. Аңыр дегенде эриндерин тийиштире коёт. Көп күлкү чыгат.
Чүкө өкчөмөй. Чүкө оюндарынын түрү мындай болот: Балдар чүкө ойногондо өкчөмөк дегенди ойнойт. Бири өкчөгөндө чүкөсү алчы түшсө кийинкинин чүкөсү таа, бөгү, чиги түшүп калса алчы түшкен чүкөнүн ээси «алып урам» деп эки чүкөнү кошуп туруп калчап жиберет. Анын алчы түшкөнүн же таа түшкөнүн таап ал деп коёт. Берки бала алып калчап, таа же алчы түшүрө албаса тиги бала алып коёт. Кайра өкчөшөт. Алчы чүкө баарын алып урат. Агер бири бөгү, бири чиги түшүп калса бөгү алып урат. Алып урганда эки чүкө тең калчалып калганда ошонун кайсы кымбат дегенин таап ал деп коёт. Таап ал деген чүкөсүн калчаганда жаңкыдай түшүрүп алса, бул чүкөлөр тапкан баланыкы болот. Таппай калса берки баланыкы болот.
Жедирмек. Балдар же жигиттер чүкө утушууда ойнолот. Эки кишиден тартып канча киши болсо ойной берет. Жедирмектин тартиби: Жедирмек деген оюнда бир-эки бала же андан көп бала бирден чүкөсүн чогултуп туруп, бир бала калчайт. Ал чүкөлөрдүн бири же экиси алчы түшүп калса алчы чигелердин баарын алып алат. Кайра дагы калчайт. Алчы чиге түшсө аларды дагы алып алат. Агерде таа түшсө бир чүкө кошот. Эки таа түшсө эки чүкө кошот. Акыры таа түшкөн сайын таа башына бирден чүкө кошуп олтуруп чүкө көбөйөт. Чүкө көп болгондо алчы, таа аралашып түшөт. Анда «сасып калдың» деп убактылуу аны оюндан чыгарып коё туруп башкалары калчайт. Алардыкы дагы алчы, таа аралаш түшө берсе алар дагы «сасып» калат. Бардыгы «сасып» калса кайра баштан баарысы калчайт. Алчысы жок эле таа түшө берсе, таанын санына карай бирден чүкө кошо берет. Агер таа жок болуп алчы түшсө алчыга бардык чигени кошуп алып алат. Бул оюнду сасымай деп коёт. Эми сасымай эмес эле жедирмек ойносо алчыга кошулуп чиги түшсө канча чиги болсо да алчыга кошуп ала берет. Агер таа түшсө бөгү чүкө канча болсо дагы кошуп алат. Агер тааны алчы жейт. Алчы бөгүнү кана жебейт, мында жедирмек деген оюн ушул болот. Жедирмектин аягы сасымай болуп чыгат. Жедирмек өзүнчө ойнолгондо алчы чүкө тааны, чигени жеп коёт. Бөгүнү гана жебейт. Жеди деген сөз алчынын ээси утуп жатат деген сөз болот. Кыскасы, жедирмек сасымайды ушул теманын гана ичинен түшүнүп алууга болот.
Хан таламай. Эки кишиден тартып канча киши болсо ойной берет. Ханды талап алуу деген адилдигинен жаңылган ханды талап алуу деп ойногондук. Хан таламайдын түрү. Хан таламай деген оюн мындай болот: Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү же бир саканы хан деп коёт. Ал ханга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү калчаган бала эки бөгү, эки чиги, эки таа, эки алчы болсо биринбирине атып алып берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен атып ала берет. Баякы атып жаткан балдар канча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Көп атып алганы байып калгандай болуп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала албай тура берет. Агерде хан алчы түшсө алчы менен атып алат. Таа түшсө таа менен, бөгү түшсө бөгү менен, чиги түшсө чиги менен атып алып берет. Ханды кандай учурда атып алса дагы боло берет. Чүкө атып алып олтуруп бардыгы бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп эң аз чүкө алып калган баланын чүкөсүнө өлчөп, анда ханды атып алган бала ханды жолдошу менен чүкөнүн санатынан башка кылып салат. Калчашарда анда такыр чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө алган балдар калчашып жатканда хан таа түшүп калса сак болуп балдар жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап киришет. Анда кай бирлери көбүн талап алып коёт. Баягы чүкөнү көп атып алгандан дагы көп талап байып калат. Кээ бир балдар ошол хан таламакейде дагы жакшы талап алалбай куру калат. Ошентип баягы көп чүкөнүн баарын кайсы бала алса ошол бала уткан болуп эсептелип, берки балдардан кош камчы бөлчөй төөматек ошогон сайган байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Хандын алчы, бөгү, чиги түшкөнү жай оюн болуп атып ойноло берет. Таа түшүп калганда гана таламакей болуп балдарды тытыштырып салат. Хандын таа түшкөнү хандын жаңылганы деп билинет. Эң акырында үч эле чүкө калса да аны атып алып бүтмөйүнчө калчаша берет. Агерде бир тарабы үч эле чүкө алып калса, берки көп чүкө алган тарабы хандан башка үч чүкөсүн алып калчаша берет. Калчаган чүкө хан менен жети эле чүкө болсо хан-саны менен жетөөн тең атып алмайынча калчаша берет. Бир тарабы бир дагы чүкөнү тигил тарапка жибербей алганда чүкөсү жок калган тарап уттурган болот. Байгеге эмне сайса дагы берет. Жандырмак бар болсун деп убада кылса баягы көп чүкөнү хан-саны менен калчайт алдырган тарап. Анда баарын алып кетсе ажырайт. Же болбосо ажыратып алгандар эле жансын деген убада болсо ажыратып эле алган жанып калат. Ал убакта байге берилбейт. Упай деген оюндун түрү ошондой болуп ойнолот.
Уюм тууду. Уюм тууду деген оюн көпчүлүгү койчу, жылкычынын же эриккен балдардын оюну болот. Уюм туудунун түрү: ал «Уюм туудунун» «Тогуз корголдукундай» эки чарасы болот. Эки жагында бештен үйү болот. Мисалы, мындай бул беш үйлөрдө бештен таш болот. Аны көчкөндө үйгө бир таштан таштап көчөт. Ал беш таш жеткен жеринен наркы бир үйдүн ташын көчөт. Ошентип улам жеткен жеринен наркы үйдүн ташын көчүп олтуруп жеткен жердин нары жагындагы үйдө эч нерсе калбай куру турса анын нар жагындагы таштарды жаладым деп көчкөн киши алып алат дагы чарасына салып коёт. Агер таш жеткен жердин нар жагында эки, үч куру турса анда куру жалак болуп эч нерсе албай куру калат. Бул уюм туудуда жыдымай жок болот. Ал уюм туудуну эки киши алмак-салмак эле көчө берет. Кайсы көп таш алган жагы уятыраак мында бир сөз бар уюм тууду деп айткан себеби мындай болот: Баякы алмак-салмак көчүшүп жаткан кезде кайсы тараптагы кырка беш үйдүн кайсынысында болсо дагы төрт таш болуп калган кезде: «Менин уюм тууду» – деп алып коёт. Койчулардын жанакыдай жасап алган жыгачы жок, жерди гана камчы сап менен чукуп жиберип койлорун жуушатып салып ойной беришет.
Төө чечмей. Эң бир чоң аш, тойдо төө чечмей деген оюн болот. Анда эл абдан көп чогулган болот. Азыркы убакта төө чечмей жок. Төө чечмейдин түрү. Илгерки убактарда кыргыздар бир төө чечип алма деген оюн болгон экен. Ал төө чечип алыш эң бир жаман, уят оюн экен. Мисалы, бир ашта же тойдо аш, той ээси бир жараган мыкты төөнүн үстүнө кымкап же ичик жаап коюп төө чечип алгандын байгеси деп чөгөрүп тегерете олтурган элдин так ортосунан бир жерди кары бою казып коюп баягы төөнүн буйласын баякы кары бою казып койгон чуңкурдун түбүнө кагып койгон казыкка байлап коёт. Ал төөнүн жанына чапан жапкан бир атты кошо байлап коёт. Төөнү чечип алууга бир аял чыгат. Анда кийимден эч нерсе жок болот. Жазылыгы эки эли же төрт эли келген гана чачпак салынат. Тегерете олтурган көп элдин ортосунан төөнүн буйласын баягы ороодон эңкейип барып чечип алам деп басып барып ороону көздөй эңкейгенде төөнүн жанындагы атты алууга бир жылаңач киши барып ал аялга төөнү чечтирбей айгыр болуп омуроолоп туурамынан, аркасынан жөөлөп чечтирбей турат. А болбой аял төөнү чечип алуунун аракетин кылат. Эркек чечтирбестин аракетин кылып булар бир топ убакытка чейин маскаралык кылганын көрүп кай бир адамдар көргүсү келбей туруп басып кеткени да болгон. Бул оюндун эң акыры Ормон хандын убагына чейин келип, Ормон хан төө чечмейди бир катар койдурган экен. Андан кийин дагы төө чечмей кызык оюн болот деп эл кайрадан төө чечмейди баштамак болгондо Шабдан, Чыныбай, Байтик, Курманжандардын убагында төө чечмей калтырылган экен деп эл карылары айтышат.
Б.СОЛТОНОЕВ
КЫРГЫЗДА ЖЫЛ ЭСЕБИ
Байыртадан бери карата кыргызда саат болбогон үчүн күнү-түндүн ичиндеги мезгилди болжоп убакыт менен пайдалана келген. Ал убактардын баарысы 33кө бөлүнүп төмөнкүлөр: 1-таң каракчы, 2-тандүм-пөйүү, 3-таң куланөөк, 4-таң кылаюу, 5-таң аппак атуу, 6-күн чыккан, 7-күн тоо-тоонун башына тие, 8-күн көтөрүлгөн, 9-күн текши тийген, 10-шашке, 11-улуу шашке, 12-жалган түш, 13-чак түш, 14-түш кыя, 15-түш оогон, 16-сарт бешим, 17-кыргыз бешим, 18-алакөлөкө, 19-намаздигер, 20-күн батар, 21-күн батканда намаз шам, 22-бүрүүл киши таанышар-таанышпас, 23-эл аягы басыла, 24-намаз куптан, 25-тамак ичер, 26-тамакты текши ичкен, эл жатар, 27-эл текши жатканда, 28-уйкуга кирерде, 29-текши уктаганда, оор уйку, 30-түн ортосуна жакын, 31-түн ортосу, 32түн ортосу оогондо, 33-таңга жакын, соор жана насыпай атым, бээ саам, жарма бышым, эт бышым, жарым күн, түш жарым, бир күн, күнү-түн деп убакытты бөлгөн. Бир жаки, эки жаки… – деп отузга чейин айткан жети күндү кыргыз эң байыркы замандан ай эсебин билип, күн эсебин билбестен, бир жылда 360 күн деп эсеп кылган. Күндү жетиге айрып (дүйшөнбү, шейшенби, шаршенби, бейшемби, жума, ишенби, жекшемби) Ирандын күн эсептөөсүн кожо молдо, феодалдар фарсыдан алган. Кыргыз айды эң байыркы баш маалим болбогон замандан баштап, 12ге бөлгөн. Балким, айга бүткүл кийикти киргизип атак бергенине караганда, аны аңчылык доору заманынан баштап жүргүзсө керек.
Ай эсеби
Кыргызда | Оруста | Уйгурда | Арабда |
1. Жалган куран | Февраль | Биринчи ай | Зилкагада |
2. Чын куран | Март | Экинчи ай | Зилхижа |
3. Бугу
|
Апрель
|
Үчүнчү ай
|
Мухарам жыл
башы |
4. Кулжа | Май | Төртүнчү ай | Сафар |
5. Теке | Июнь | Бешинчи ай | Рабуглахыр |
6. Баш оона | Июль | Алтынчы ай | Рабигулавал |
7. Аяк оона | Август | Жетинчи ай | Жумадилабуал |
8. Тогуздун айы | Сентябрь | Сегизинчи ай | Жумадилахыр |
9. Жетинин айы | Октябрь | Тогузунчу ай | Ражан айы |
10. Бештин айы | Ноябрь | Онунчу ай | Шагабан |
11. Үчтүн айы | Декабрь | Он биринчи ай | Рамазан |
12. Бирдин айы | Январь | Он экинчи ай | Шавал |
Кытай менен дунгандар биринчи айды дүйнө деп, анан 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 ай деп он экинчи айды «Лайэ» дейт. Арабдар жылына 7–8 күндү илгери кийин жүргүзгөн.
Эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктерди киргизген?
- Куран деп кыргыз эликтин текесин айтат. Элик сентябрда (тогуздун айы) жүгүрүп жана токтолот. Жалган куранда жаңыдан бала түйүлөт. Бооз-кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт.
- Чын куранда бала көтөрүп алган үчүн ал айды чын куран дейт.
- Бугу баш оонанын аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп кезген чагы. Бугу айында туулган үчүн бугу дейт.
- Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, андыктан кулжа дейт.
- Теке бештин айынын 20сынан абдан озгону 30на жете кезет. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Жут болордо 15 күн кеч жүгүрөт. Үркөр тууйт, андыктан кулжа дейт.
- Бугу баш оонанын аягында, баш оонанын башында оогон жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона десе керек.
- Аяк оонада бугунун аягы тынбай маралга кыйгач жүгүргөн чагы болуп (замандын далай оозуна жараша күндөрдө бир аз илгери-кийин жылышы болмогу мүмкүн), калган үчүн бул айды аяк оона десе керек.
Бир пикир ойго келет: уй бугудан, кой аркар, кулжадан, эчки-текеден, жылкы куландан таралганына караганда буларды жапайысынан кармап, колго көндүргөн калктын эң түпкүсү кыргыз болбосун.
- Тогуздун айы. Көбүнчө кыргыз эң байыркы эски замандан бирөөгө ызаттап мал-бул берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, тогуздап барган. Маселен: 9 атка байге саюу, ханга тогуздап тартуу менен баруу (хан тартуусу тогуз деген макал) жана илгерки катындар элечегин тогуз кабат, же жети кабат кылып оронуу ошол адет боюнча бул айды тогуздун айы десе керек.
- Жетинин айы. Жети ата-бабасын билүү, жети кылым өткөнчө жети атасынан бери турган деп жетини бел кылып эски кыргыздар сүйлөгөн. Ушул себептен бул айды жетинин айы десе керек.
- Бештин айы бешенең, бештен, – деп беш санатты артыкчараак көргөн. Ушул үчүн бештин айы десе керек.
- Үчтүн айы. Үчтөн кийин чүч деп жана үч чапканча таяк көтөрүү өлгөндүн үчүлүгү, конокко үчтөн бириктирип тамак берүү адеттерин жүргүзө келген мурунтан берки кыргыздын расими. Ушул себептен үчтүн айы деп киргизген чыгар.
- Бирдин айы. Туулмак бир, өлмөк бир, сөз бир деген. Ошондуктан айга киргизилмеги мүмкүн. 1, 3, 5, 7, 9 деп бүткүл баарысын алым кылып эсептеп, так эсептебеген. Маселен, 2, 4, 6, 8, 10 айга кошпогону кыргыз так эсепти жолу туюк, алым эсептин жолу ачык пайдалуу деп билет. Муну тогуз корголдун алым корголун алып, так корголун албагандан билим тажрыйба кылууга мүмкүн. Так корголдон туздун (тос сөзү болорго керек) эки корголунан башканы жебейт. Жана да кыргызда ай-күн тууралуу сөздөр: Ай чалкалап жаңырса, элге тынчсыз өзүнө тынч болот деген. Ай короолосо аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет. Күн короолосо күрөгүңдү тос, кар жаап кызымчылык болот деген. Эртең менен Күн кызарып чыкса, элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса, катының эркек туугандай сүйүн деген.
Менин тажрыйбам: бүткүл ай 30 күндөн болбостон кемип артылары анык. Жалган куран айы кээ чакта 29 күн болот, эгерде 80 күндөн кемиген чакта айдын 14, 15, 16ларында кемип, эгерде 30 күндөн артылып кетсе ай жаңырарда артылат.
Тогоол: үркөрдүн Ай менен тоголушу айдын анык кайсы ай экенин билмекке тогоолду көбүнчө кыштын күнү артыкча таптиш кылат. Бештин айында безилдеген суук деп ноябрь айы болуп, тогоолду ушул айдан чындап текшере баштайт. Бул ай 13дө тогошот. Үчтүн айы үркөр менен 11де тогойт. Бирдин айы тогузунда тогойт. Жалган куран жетисинде тогойт. Чын куран бешинде тогойт. Бугу үчүндө тогойт. Кулжа май биринде тогоп, үркөр жерге түшүп, кайтадан кырк күндөн соң чыга келет.
Жыл
Карыялардын айтуунда чычкан менен төө жылгага кирмекке талашып, чатакташкандан кийин башка айбанаттар мындай деген: Күндүн чыкканын кимиңер мурун көрсөңөр жылга ушул кирсин дегенде төө таң атканча уктабастан, жатпастан күн чыгышты карап турганда чычкан мени булар жектеди, төөнүн бою чоң күндү мурун көрбөйбү, деп акыл кылышты. Эми кандай айла кыламын деп таң атканча ары-бери жүгүрүп, эптеп төөнүн кулагына чыгып алсам, Күндүн көзүн мурун көрбөйүнбү деп Күн чыгарда төөнүн кулагына чыга калып, анан кире качып кеткен. Төө таппай калып, чычканы жылга кирип калган үчүн төө чычканды күлдөн издеп, көбүнчө күлгө оонаганы ошондон дейт. Мен тарыхка киришкенимден (1895-жыл) баштап, 12 ай жана 12 жылга көбүнчө айбанаттарды киргизген себеби бүткүл элдин карыяларынан сурап, эч биринен мунун себептерин билип, чечкен киши таба албадым. Кимиси болсо да билбеймин дегенден башка жооп бере албады. Ушул себептен бул туюк маселени чечүү үчүн 35–45 жыл ойлоп анын төбөсүндө олтуруп, акыры менин азырынча долбоор-тыянагым төмөнкү:
- Жыл башы чычкан, бүткүл чычканды эгинге, этке, башка тамакка эң залалдуу айбан, кокустан тамакка араласа ал тамакты жеген киши ооруйт деп билишет. Чычканды кырып жок кылуучу душманы ар чычкан (нар чычкан, арс чычкан) деп билет. Ушул үчүн нар чычканды бизге пайдалуу досубуз деп аны жыл башына киргизмеги мүмкүн.
- Уй чарбага, жан сактоого бүткүл малдарда биринчи пайдалуу, 2–3 ай болбосо калган тогуз, он айчалык сүтүн берет. Дыйканчылыкты өгүз менен иштейт. Бүткүл чарба малдарда карышкырга кайрат кыла турган биринчи болуп уй саналат, уйдун букасы түгүл инек уйлары дагы кайрат кылат жана башка малга окшоп далаага калбастан үйгө өзү келет.
- Барс (жолборсту дагы барс деп атайт) эски кыргызда келе жаткан бир адет: эгерде катындын баласы баатыр боло турган болсо, ал катын жолборстун жүрөгүнө, этине талгак болот. Жолборсту бүткүл айбанаттан баатыр деп билгендиктен жылга киргизмеги мүмкүн.
- Коён. Жок кайрат баш айрат, ыгы келсе коёндой коркок бол деген жана жапайыдан баксаң коён бак, ал ондогон бөжөк тууйт, – деп чарба жагын ойлоп, жылга киргизүү мүмкүн.
- Улуу (ажыдаар-дракон) кытайдын герби, ажыдаардай коркпос, качпас айбаттуу бол деп жылга киргизсе керек. Улууну кыргыз жаян деп да коёт.
- Жылан – эң эски кыргыз жыланга табынган, жыландай эстүү, сак, куу, акылдуу, жүргөнүн билгизбеген жан жана бүткүл курт-кумурсканын баштыгы болгон себептен жылга киргизмеги мүмкүн.
- Жылкы. Чарбалык жагынан көчмөн болгону үчүн жылкысыз оокаты начар болгондуктан жана жоо ала албагандыгы үчүн аны жылга киргизүү мүмкүн. Жылкы жыттуу деп, жылкы эти, кымызы кыргызда биринчи даражадагы кесип (тамак).
- Кой. Бүткүл чарба малда койдон пайдалуусу болбогондуктан жылга киргизүүсү мүмкүн.
- Мечин. (Маймыл) бүткүл жан-жаныбарда адамга окшош үчүн эстүүлүгүнө карай жылга киргизүү мүмкүн.
- Тоок. Бүткүл жер жүзүндөгү канаттуудан тооктон пайдалуусу жок. Уй сүтүн бергендей тоок жумурткасын берет. (Үч айдан башка жумурткалайт). Этинин таттуулугу, адамды таштап уча качып кетпегендиги жана убакытты көбүнчө күн бүркөктө билип бергендиги үчүн башка бүткүл канаттууну калтырып тоокту киргизмеги мүмкүн.
- Ит. Бүткүл төрт аяктуу жырткычтан адамзатка жолдош, өзүн жана малын багып берип, аң тиштеп бергендиги үчүн жылга киргизсе керек.
- Доңуз. Камандай качырганынан кайта тартпа деген макал бар. Эски заманда кыргыз чечек оорусунан абдан корккон. Чечектен аман калуу үчүн эгерде элди чечек каптаса, чечек чыкпайт деп доңуздун этин дары катарында жеген. Доңузду кыргыз кара кийик деп да айткан жана тукуму тез өсүп, көптөн тууган үчүн жылга киргизсе керек.
Индистанда байыркы заманда бир түрдүү эл уйга табынганына караганда улуу кытайдын гербиси болгондуктан жана эң эски заманда кытайдын «Лили» деген ханзаадасы кыргызды бийлеген себептен 12 жыл эсеби кыргыз-кытайдын же индистандыктан алса керек. Бал ким, кыргызга биздин эрадан 500 жыл мурун кытай жеринен келген динлин ала келдиби, тарыхчылардан 12 жылга айбанатты киргизген кыргыз деген сөз бар, эгерде 12 жылга айбанатты кыргыз баштап киргизген болсо, эң эски кыргызды, мындайчасынан айтканда, кыргыздын түбү тоок, коён, улууну жылга кошконуна караганда аларды көчмөн эмес, маданий журттан болууга деп айтуу мүмкүн. 12 жыл жеке кыргыздан болбостон башка күн чыгыш элдеринде дагы бар. Маселен:
Кыргыз | Дунган (кытай) | Парси |
Чычкан | Тфу | Муцку |
Уй | Нун | Бакар |
Барс | Хуу | Барс |
Коён | Тху | Хачдез |
Улуу | Лииц | Наан |
Жылан | Тгиан | Мар |
Жылкы | Ма | Аспы |
Кой | Яң | Госпанд |
Мечин | Ху | Амдуна |
Тоок | Джи | Миях |
Ит | Куу, Тю-а | Сяк |
Доңуз | Жу | Хук |
Кытай менен фарстардагы жыл башы чычкан. Кыргызда «эра» жок. Бүткүл жылды, кишинин жашын мүчөл боюнча эсеп кылат. Кыргыз биринчи мүчөлдү 13 жаштан мүчөтөт. Кебетеси баланын ичте жатканын эсеп кылганбы 12 жыл айланып келгенде бир мүчөтөт. Маселен, 13 бир мүчөл, 25 эки мүчөл, 37 үч мүчөл, 49 төрт мүчөл, 61 беш мүчөл, 73 алты мүчөл, 85 жети мүчөл, 97 сегиз мүчөл.
Мүчөл жылдары болсо айтылды. Маселен, жыл башы
1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз.
Биз жылды эсептеп келгенде биздин эра жылдардын ичинде биринчи пайдалуусу жана бүткүл канаттуу куштан жалгыз жылга киргени тооктон башталат.
Кыргыздын билген жылдыздары
1) Үркөр, 2) Толтойдун огу, 3) Үч аркар, 4) Жетиген, 5) Кичи жетиген, 6) Алтын казык, 7) Кошоктоолуу кош музоо, 8) Сар жылдыз, 9) Чолпон (Венера), 10) Балбылдак жылдыз, 11) Чычкылуу жылдыз (Меркурий) 12) Саман жол, 13) Ай, 14) Күн, 15) Көргөн саба.
Жылдыз оноп, жолоочу жүрүү же айдын биринде же 15де жолоочу жүрүп, же чоң иш баштоо адети болгон. Жылдыз оноп жүрүү айга карата болот. Маселен, 1) айдын биринде жылдыз күн чыгышта, 2) күн жүрүш – күн чыгыштын ортосунда, 3) чак түштө, 4) күн жүрүш, күн батыштын ортосунда, 5) күн батышта, 6) күн батыштын түн жагы, 7) түн жакта, 8) түн жак күн чыгыштын ортосунда, 9) жерде, 10) асманда, жылдыздын чыгууна каршы жүрбөйт. Жүрсө жол болбойт деп билген. 9да сапарга чыкса ат аягына оорлук келет, 10да жүрсө чар тарапка тең, анда кандай жүрсө, андай жүрсүн деген. Ар айдын, бири, ону, жыйырмасы шамал, жаан болот деген жана 40 күн жайкы чилде, 40 күн кышкы чилде болуп, 90 күнү «токсон болот» деп эсеп кылышкан.
Кыргыздын түркүмгө бөлүнгөнү
(Бай, манап, хан, бий, дыйкан, чарба, букара, кул жана соту).
Кыргыз эски замандан хан, манап (чыкканы 300 жыл болду), бий, баатыр, бай, букара, кедей жана кул бүткүлү сегиз түркүмгө айрылган. Кыргызда эң эски заманда падыша хан тарыхка караганда боло келген. Соңку заманда 1504-жылдагы Ысык-Көлдө турган Мухаммет-хайдар, XIX кылымдагы Ормон, Фергана кыргызынан Алымбек датка хан аталса да Мухамметтин Кашкар өкмөтүнө, Ормон менен Алымбек датканын Кокон хандыгына ийилиштүү болгондору көрүнөт. Калмак заманында бугу кыргызы Белекти хан болгон дейт. Деген менен тарыхын текшере келгенде калмактын кыргызга баш кылып койгон бир кишиси болуп, анын үстүнөн калмак караган. Кыскасы, кыргызда анык хан даражасында хан болгон эмес, бол босо да алардын кылган сурагы, аткарган иши, кедейди эзгени, хан түгүл какан падышалардын ар жагына өтүп кеткен. Манап чыкканы анын өкмөтү андан бетер артылып, андан чыккан феодал баатырлары болсо, баякы залим хан кан соргучтун өзү болгон. Анын чала манаптары манап тукумунан болгон үчүн андан бетер кедейди эзген. Ар кайсы урук элди алардын атактуу манаптары бет-бетинен бөлүп алып бийлеп, кедей жардыны эзип турган. Ал манаптардын жакын туугандары болсо, кедей-дыйкан чарбага өтө зулумдук көрсөткөн. Ар кайсы чоң манап (феодалга) караган элди «топ» деген. Маселен, Жангарачтын тобу, Балбайдын тобу, Боронбайдын тобу, Ормондун тобу, Чыны, Дуулат, Ажыбек, Төрөгелди, Жантай жана башкалардын тобу. Кокон бектеринен Ылгал келсе (уполномочен) атактуу манаптарга келип, кээ бирине тартуу өткөзүп, союшун берип, анан соң иштерин бүтүргөн. Ал атактуу манаптардан Кокон хандарына алган колдоруна желек туу, мөөр сыяктуулары болгон. Фергана, Кашкардан соодагерлер келсе, феодалга түшүп, манаптардын токтоткон наркы боюнча кой, жылкы, төөлөргө булдарын айырбаштап саткан. Дилде, күмүш акчалары болсо, кедей-дыйкан букараларга таратпастан чоң феодалдар жана аларга жакын букарадан чыккан байлар алган. Өзбектер булун насия сатпаган. Манап аркылы наркы токтолбостон мурун эч кандай соода болбогон. Чекене майда бакал мал Кулжадан келген. Булгаары, кездеме, казан, тулганы ногойлор алып келип саткан. Пулдун наркын токтотуп, соодасын ачкан үчүн канча алса да, булду феодалдар бекер алган. Анын эсеси кедей-дыйкандан төлөнгөн. Башка манаптар кедейдин маңдайына бүткөн жалгыз атын, жаки уюн берип бул алган. Ошондо да кедей-дыйкан букарага караганда манаптар арзан алган. Кашкаркулжа, Ферганага соода үчүн кыргыздар көп барбастан, анда-санда барып турган. Кашкаркулжа, Ферганага барып андан бул жакка келе турган жол түйүнү Арка кыргызында сарбагыш жердеп турган жерди басып өтүп, анын жери жол түйүнү болгон. Кашкардан келген бул: мата, беш бак мата чепкен жана жемиш-мөмө болгон. Ферганадан келген бул: карагашкайна, алчынбайлар, басма чыт, комуз тили, бачайы, шайы, бейкасам, кымкап, чачпак, жибек, шөкүлө, кучмач ээр, ээрди аял үчүн алып, аны эркек минбестен, алар колдон кылган ак каңкы ээр минген. Абай өртүк ат жабуу, дейилде саймаланган сары жаргак чепкен, шым-бычак, чайдоос жана түрдүү жемиштер болгон. Кулжадан күзгү, тарак, түрлүү боёк (кына, оруян), ийне, жип, чыны болгон. Кулжага кыргыздан барса, көбүнчө бай-манап феодалдардын күрүч үчүн жумшаган кызматчылары болгон. Кашкаркулжа, Ферганадан көк куйрук чай келип турган. Бирок сары сууну ким ичет деп кыргыздын көпчүлүгү албастан, манаптары, байлары бийлери гана алган. Кедей жардылардан миңдин бири албаса алган эмес. Ногойлор: булгаары, казан, тулга, аяк, табак, чыны, ак сурп (кездеме) манат, макмал, кундузду Семей, Казандан алып келип саткан. Аштык айдаганда жакшы жерге манап анын туугандары – куда, анда дос, тамыр сөөктөрү жана кеңештеш кишилери айдаган. Эгерде букарадан бирөө жакшы жерге айдаймын десе «ырыстагы меники, чириш (чөп) дагы меники» деп тигилер айдатпастан жана жайлоо, күздөө, кыштоонун, көктөөнүн жакшы жерлери манаптардын эркинде болгон. Букаранын эгини жаман чыгып, эгинди аз алып, кышкысына жетпесе да андан тийиштүү мурунтан ала келген шыбагасын манабына берген. Эгерде бербей калса манабы: «Тетиги кызталак ит, букара көөп кетиптир» – деп акыраңдап койсо болду, көз ачып жумганча тилегени даяр болгон. Кедей согумуна бир кой сойсо карчыгасын сүрсүтүп, сактап жүрүп жазында болсо да манабын чакырып салып берген. Кээ бир кедейлер биздин манабыбыз кантип жийиркенбей тамак ичсин деп алып барып берген. Бербегендин жалгыз бодосун алып койгон. Ич арасында доосу болсо, манаптын көзүн карап көңүлүндөгү бүтүмүн чыгарар бийлер бүткөргөн. Бүтүмгө чыбык кыркып, убада токтоткон. Бүтүм мал убада күндөн өтпөстөн, кундоо болсо да чыбык кыркып бүтүм кылган. Эгерде таанымыш болсо, ал жактан тандап, касамга кармаган. «Жанбергендин жанына турба», – деп касам берген чакта анын жанынан качкан. Бүтүм адилби, адилсизби аны чоң манаптар текшерип, кабыл кылып, жаки мындай болсун дегенде анын дегени макул болгон. Анын айтка нынан эч ким чыга албаган. Башка манапка караган элде доосу болсо, өз манабынан киши алып барып бүткөргөн. Кат жазып бериш, молдо жоктугунан расим болбогон. Кандай гана бүтүм болбосун эгерде жылкы аралашса, «чаң тийбес» деп анын биринчи жакшы аты манапка берилген. Эгерде майда мал болсо, тогуздун бирин манап алган. Кедей кудалашкан болсо, анын баш атын манап алган. Букарадан, кедейден бирөө бир жерге барып консо, кичи атанын баласы деп дурустап конок кылбаган. Эгерде манаптан болсо, чоң атанын баласы эмеспи деп аягы менен тик туруп жакшылап коноктоп узаткан.
Чоң манап менен чоң манап кудалашса калыңды көп берип, калмактан жаки казактан түшкөн киши болсо, аны кул-күң деп калыңга берген. Мындай калыңга тогуздап кул-күң берген феодал манап байлар көп болгон, алар кыздарын бергенде анын энчиси деп кошо жумшатып кул-күң беришкен. Ич араларында башка уруктан келген алсыз селсаяк болуп жекене жүргөн киши болсо, кээ чакта андай кедейлерди дагы кул-күң деп жумшатып бергени бар. Эгерде кул-күң жумшатып кыз бербесе кызын жаман берди деп жактырбай калган, эгерде манаптын кызын букара алса, калың үчүн кадимки жей турган кырк жылкы, жүз кой: калыңдан тышкары үч-төрт эсе көп мал жеген. Букара байкуш: «Менин сөөгүм манап менен тең болду» – деп калыңга канчалык көп мал сураса да берип, малын аябастан чыга берген. Манаптын кызы жаман чыгып калса, аны коё бере албай, үстүнө катын ала албаган. Эгерде коё берсе менин башымды аттады деп ал букаранын малын талап алган. Эгерде туубас болуп үстүнө катын аламын десе, кыз атасынын уруксаты менен алган, Букарага тийген манаптын кызы өлгөн болсо «анын койнуна жатпай эле айнек кылып карап жүрсө болбойбу» деген манаптар дагы болгон, кыскасы, букара алган манап кызы ал айылдын өкмөтү болгон. Эгерде букаранын кызын манап алса жарытып калың бербеген. Аздыр-көптүр бергенине канааттанып, манап менен кудалаштым деп кубанып, аны менен сөөгүм теңелди, кара сөөк элем, эми ак сөөк болдум деп, калың малга ыраазы болуп, жасалгасын жакшылап кызын берген. Букаранын кызын манап өлтүрүп койсо (маселен, Жантай Карабек уулунун катынын Баяке өлтүргөн. Чойбек Дыйканбаев өз катынын өзү өлтүргөн. Ормондун Саза деген жигити өз катынын өлтүргөн) сурагы чанда болбосо болгон эмес. Ата-энеси кантели, кызыбыз жамандыгынан өлдү деп ичинен үн чыгара албай ичтеринен сызып, күйүп-бышып кайгы тарткан. Манаптын келинин манап ала качып алса, ал эки манаптын кесепетинен «эки нар жөөлөшсө, кара чымын кырылат» дегендей эки ортодо кедейдин жалгыз аты, чарба дыйкандын жылкысы тийилип жаңжал болуп, кедейдин, чарба дыйкандын канчалык азаматтары өлүп, чоң бүлгүнчүлүккө түшкөн.
Кедей букаранын келинин манап алса анын арыз-дартын ким уксун? Арыз кылар, даттанар жери калбаган. Бир кедей манаптын өзү эмес жигитине, жаки кулуна кызын берсе, сүйүнүп кубангандан эти-этине батпай, жей турган калың малынан аша кечкен. Кедейдин кызынын калың малы канчалык болсун, алар болсо бир тогуз бодо болгон. Букаранын, чарба дыйкандын кээ бир атка минерлери манаптын жигитинин кызын ал манапка жакын болуу максат менен көп калың берип, көп чыгымдар болуп алган. Кедей чарба дыйкандан чоң баатырлар чыгып, алардын беш-он түтүн тууганы болсо, анын күчүнөн пайдаланмакка, аларга кыздарын бермекке манаптар өзү жабышып берген, андан калыңды ашыра жебеген. Кедейден, чарба дыйкандан чыккан баатырлар алыс жер – калмак, казак, уйгурдан эл чаап, жылкы тийип алса, үйдө жаткан манабына «шыбага» чыгарып берген. Эгерде бербесе, аларды манабы чаап алган. Маселен, мындан соң жазыла турган темедеги Кара чолок, Жайчыбек, Майтыктын тарыхынан көрөсүз, чарба дыйкан аш-той бере турган болсо, адегенде бир семиз жылкысын жаки жакшы атын жетелеп, ал манапка барып, андан уруксат болсо берген, болбосо бере албаган. Чекене аш-той болсо, союлган жылкынын семиз учасын бышырып барып берген. Эл көчкөндө манаптын уруксаты менен көчкөн, көч алдында дыйкан чарба жүргүзбөстөн, манап көчүп жүргөн. Анын конор жерине мурунтан кедейлер, дыйкан чарбалар отунун даярдап турган. Манаптан уруксатсыз көчкөн болсо, айып алган. Чоң манап феодал өлсө: «Балан убакта Ай тутулду эле, Күн тутулду эле: жаки жылдыз учту эле, ал ушул манаптын өлөр белгиси экен» – деп, букара кедейлер айың кылышып таң калган. Ал кан соргучтун көрүн терең казып, жөө киши найза алып, тегеренсе тийбегендей болгон. Бейиттин оңдоо, коргон салуу жана башка кара жумуш, кызмат, ыгым-чыгымы кедейдин керденинде болгон. Ал өлгөн манаптын катын-кызы: «Булгаары белең оңгондой, букара белең өлгөндөй» – деп кошкон. Окуусуз караңгы кедейлердин кээ бири феодал чоң манаптарды өлбөйт деп ойлогон. Бүткүл манап анын жакындары: «Ит жыйыны бирикпейт, букара иттей ыркыраган журт, биригип журт болуп жүрө албайт. Жана кум жыйылып таш болбойт, кул жыйылып баш болбойт» – деп кедей-дыйкан чарбабукараны көргөндө көп айтып, жүрөгүнө уюткан. Кедейдыйкан, чарба букара манаптын ырысы үчүн жаралган дешкен. Кээ чакта малга кошуп, кедей-кул жана азыл жалгыздап жүргөн дыйкан чарбаны байгеге сайган. Маселен, Тынай уругунан кан соргуч феодал Таштанбектин ашында Жантай феодал Карабек уулу эки жүз алтымыш бештей жалчы, кул-күңдү байгеге сайган. Мунун толук кабары жогоруда «Аш» темесинде көрсөтүлгөн. Байгеден кедей букаранын аты чыкса, байгесинен азыраак берип, калган байгеси менен атты манап алып койгон. Манаптын бир жаки жигити ууру кылган болсо, айып буюрбаган. Буюрганы кемде кем болгон. Кедейден, букарадан уурулук кылса бирге тогуз төлөгөн. Кыскасы, кедей, жалчы, дыйкан орто чарбанын бүткүл жан сактоосу, күн көрүшү, мүлк, малбашы, эрки өзүндө болбостон, анын барлык тагдыры манаптын, феодалдын, байлардын колдорунда болгон. Бул жазылган зулумдуктун көбү калдастан 1894-жылга жете манап-феодалдарда колдонулуп келди. 1894-жылдын күзүндө (ноябрь ай) кыргыз болуштарынын мусулманча молдосу (бесири) калып алардын ордуна бүткүл болуштарга орустан, жаки орусча билген кыргызказак, ногойдон бесир болуп, ал бесирлер элди аралаган соң алардан ийменип, баштагы кедейди эзгендиги аз-аз кала баштады. Акыры бесирлер дагы кан соргучтан пайда алышы жана стражник перитаф оёзду пара менен бай мекен феодал болуштар паралап, өздөрүнө жолдош кылган соң мурунку калыбына жетпесе да эзгендиги калбады.
Хан, манап, бий, баатыр, бай бир болуп, кедей чарба дыйкан кулду эзгенине чыдабай, кедейден, орто чарба дыйкандан, букарадан (букара деп, манаптын өз тукумунан башка урукту да атаган) чыккан кээ бир баатырлар, манаптын кедей орто чарба дыйкан букараны эзгенине чыдай албастан каны кызып, манапка каршы чыга албай, чыкса да жеңилип калып, баштагыдан да бетер эзиле келген. Алардын тарыхын төмөнкү темеден көрөсүз.
Бий-кан болсун, манап болсун, чоң феодал болсун, баатыр болсун эл сурачы бийде болгон. Ал бийлер манап насилинен, мейли букара насилинен болсо да өзүнчө бүткөрө албастан көбүнчө канына, чоң манабына ийилиштүү болгон. Кылган бүтүмдүн тогуздан бирин бий алган. Ал бийлер көбүнчө пара алып бүткөрүп, кедей жалчы дыйкан орто чарбанын укугун жоготуп, бай-манаптын дегенин кылган. Ак болсо да кедейди күйгүзүп, кара жеринен бай-манаптын доосуна кубаттаган. Бул тууралуу бир мисал: 1850-жылдарда бир жесир катын эки жетим баласын багалбай ээрчитип, бир байдыкына барып: «Саан бериңиз» – деп айтканда, анын эки баласын козу багууга, катын отун алып берүүгө милдеттүү кылып, үч улактуу эчки саан берген. Бир улагын бир түнү карышкыр жеп кеткен. Күз болгондо катын жериме кетейин десе, бай жибербеген. Катын бир соку, бир жаргылчак, аяк, табак, казан, тулга, кашык, сузгусун берсе алымсынбай, экөө Жангарач феодалга арызга келгенде катын: «Мен бир улак үчүн бул байга: калдыраган казанымды, күлдүрөгөн жаргылчагымды, соку, сок билегимди, терген термечигимди, боотойлогон боомду, туюктан туткучумду, ийриден түпкүчүмдү, аяк-табак кашыгымды калтырбай бердим» – деп зарласа да, байдын пайдасына катынды, «саансыз эки балаң менен эми эки жыл кызмат кыл» деген.
Баатыр кыргызда «баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз» деген эски макал бар. Демек, баарынан кедей көп, кул көп, анан баатыр, анан бай, анан бий. Кыргыз кандайды баатыр деген? Кыргызда баатыр алты даражага айрылат.
- Октон-чоктон кайтпастан, алды-арты аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан, тоодон кулаган таштай зимирилип, жалгыз качырып, күндүз, мейли түн болсун, тоо улуусу аң-кемерди көзгө илбестен, жоого тийип, жоону кайта-кайта аралап салышып, бытчытын чыгарып качырат. Же өзү талкаланат. Мындай баатырларды «адам шери» деп атаган. Мындай баатырлар кыргызда боло келген, биринчи баатыр ушул.
- Жоодо жаралуу болуп калса да, маселен, колу сынса мойнуна тагып асып коюп, буту сынса канжыгасына байлап коюп урушкан. Жарага өтө чыдамдуу болуп көтөргөн, башынан аккан кан көзүн көрсөтпөй каптаса шыпырып коюп, согуша берген. Суусап кетсе атынын терин жалап жүргөн. Мындай баатырды «Кара көк же көкжал» деген.
- Жоонун ыгына жараша урушуп, ыгы келген жерде жалгандан качымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып, бириндеп калган чакта кайта качырып, сайып алат. Жоонун аз-көбүн билмекке «качырткы» салат. Жоо качырып, чарчатар жагын көздөйт. Эгер жоодон чындап качып калса, аты чабал жолдошторун алдына, тандамал жигиттерин артына коюп, анын соңунан өзү түшүп, жоону жолдошторуна аралатпастан, улам-улам тосуп согушуп, илгери жибербейт. Тоолуу бийик бек жер болсо, аттуу, жөөлүү болуп (ит урушун салып) согушат дейт. Эгерде жолдошунун аты жүрбөй калган болсо, жоодон ат түшүрүп, аны мингизип ала жөнөйт. («Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар» деген баатырлардын макалы ушул.) Мындай баатырдын жолдошторуна чоң пайдасы болгондуктан, согушка мындай баатырларга карамалап, аскер көп пааналайт. Макталуу баатырлар ушул болуп, буларды «илекор баатыр» деген.
- Жанына жолдош албастан, алыс жакынга жеке өзү жүрүп жылкы алат. Жоосун жоолойт. Мындайларды «жеке баатыр» деген.
- Өзүнөн башка жолдоштору баатыр жана теңтуш болсо, алар менен бирге жүрүп, өзү жоодон коркуп качайын десе да, жолдошторунан уялып качпастан, урушун жүрүп, ошого дагдыланып, кийин баатырлыкка чыгат. Мындайларды «Ээрчиме баатыр» атаган.
- «Мен дагы элдер эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн» – деп анык баатырларды туурап, жоону качырып, дайым жоого түшөт, «айласыз баатыр чочкого чабат» деген макал ушундан калган. Баатыр алтоо деген ушул.
Бай төртөө: биринчи – чоң, бай (март бай), мырза бай, эгерде ата-бабасынан малы көп болуп келе жатса, аны «уюткулуу бай» деп дагы атаган. Жакшы ичип-жеп, абдан таза, мырза кийинет. Катын-баласына отун алдырбайт. Эч кара кызмат кылдырбайт. Унаанын майы-күчү жөн болсун, коңшуларына аз-аз кайрылышат. Манаптар, феодалдар менен кудалашат. Тамырлашып, достошуп кедейлерди эзген Николай заманында болуштукка талашкан ушул байлардан болгон. Булардын бир түрлүүсү манап менен тамырлашып, достошуп, таза кийинип, таза жүргөн, жакшы ичип, жакшы жеген. Коңшуларына кайрылбастан, кедейди чындап эзген. Бересесин бербей, көп манапка таянып, доосуна жооп айтпаган.
- Сараң бай (колтукча бай). Бир тууган сөөк-тамырына эчтеме бербейт. Ачкачылыктан өлүп бара жатса дагы, ошондойлук баштарына жаман күн туулса да, кайрылбайт. Өз малын аяп, көп минбейт. Малына башка мал келсе жаки өзүнүн жүздөгөн жылкысы болсо да, аны малына кошуп, тим болбосо жоору айыгып, аркасы эт алсын деп жиберип, өзү жатакта калган кедейдин жалгыз жоор торсаягын минип жүрүп, арыктатып коёт. Малына туз бербеген коңшусунун жаки башка бирөөнүн бир улагы келсе да кубалап жиберет. Ушул себептен «сараң бай», «колтукчу бай» деп атаган.
- Сасык бай, кокуй бай, өз малын союп жебейт, өлгөндүн гана этин жейт. Мал саап жатканда идишине сийдиги жаки тезеги таамп түшүп калса, аны жүн менен тазалагансып, шашып ал сүттү иче берет. Жакшы кийинип, жакшы ичип-жегенди жаман көрөт. Конок келсе качат, жаки жашынып калат. Жаки оорумун деп, башын таңып жата калат, ылаажысы келсе кубалайт. Катынынын өзүнөн чоң кийиз өтүгү болот: кээ чакта тулгасы жок «таш тулга» салат. Үйүн жакшылап жаппайт. Отун алуу, от жагуу, күндүз мал көздөп, түнкүсүн короо кайтарган катыны, «бу малың жоголду, арыктап кетти, ылаңдап калды» деп кокуйлап өкүрүп жүрүп күн өтөт. Буларды «сасык бай», «кокуй бай» деп атаган.
- Жеке мерез бай. Жайы-кышы жалгыз конот, жалгыз жайлайт. Жанына коңшу кондурбайт. Жанына айыл конууга айыл көчүп келе жатса, түн болсо да көчө качат. Буюм сураса бербестен урушат. «Жаман атка жал бүтсө – жанына торсук байлатпайт. Жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошолор тууралуу болуп, аларды «жеке мерез бай» жана «макоо бай» деп атаган. Жогоруда айтылган бүткүл байлар аттын майын атка, көтөрмөгө мал берсе, 3–4 эсе пайдасына (сүткө) берген. Бай төртөө демеги ушул.
Кедей. 1. Малы түгүл ити да жок, томаяк, ороочу, кимдин болсо ороосун сактап, андан калаа алып, оокаттанат. Буларды ороочу жана томаяк деп атаган.
- Кедей же кара кашка кедей, минер атка кээде жетпей калат. Эгерде жеткен болсо, анын бели беш жоор, аркасы алты жоор, жайы-кышы чомдоп, актыргалап, куйругу кесилип кетип чандырлап минет. Көбүнчө кырчаңгы болуп жал куйругу түшөт. Эгерде аты жок болсо, бир сыйыры болот, музоосун жылына, чындаса уюн манаптын чыгымына берет. Бай-манап алар менен байланышта болуп жүрбөстөн, дайым өз бетинче оокат кылат. Буларды «кежир кедей, жаки кербез кедей» деп атаган.
- Отунчу, суучу – «малай, жалчы» деген.
- Жылкычы – булардын даражасы бирдей болбостон, бүткүл малчы, малайдан, жылкычылык артык болгон. Ошол себептен «жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт» деген макал бар.
- Коңшу-колоңчу – катын, баласы, өзү байдын малынбагып, саанын саап, отун-суусун алып берип каралашып жан сактайт. Муну «коңшу-колоңчу» деп атаган.
- Эч кесип кылбастан, уйку, тамакты, башканы билбестен күнүн өткөрөт, муну «жакыр кедей» атаган.
- Аштыкчы. Бай-манаптын аштык, чөп кызматы мойнунда болот.
- Койчу. Кедей сегиз, демек, ушул сегиз түрлүү кедейлер.
Жигит – дайым бай-манаптын жанында жүрүп, атын багат. Манапка мал уурдап берет. Жоосун жоолайт, доосун доолайт. Бай-манап үчүн башын кыят. Эл, жоо, алыс, жакын, дос-тамырына барып жумушун бүткөрөт. Бай менен манап бирөөнү өлтүр десе өлтүрөт. Урат, согот, бүткүл бай менен манаптын күчү жигиттин колунда болгон үчүн булардын кайраттуу, жүрөктүүсүн жигит кылат. Кедейдыйканды, орто чарбаны талкалаган ушулар. Бай-манап болсо буйрук кылып жата берген. Бай-манаптын жигити падышанын палачы, хандын желдети бир даражада. «Жигит деген бөрк ал десе, баш алат» деген макал бар.
Бүркүт, туйгун, куш, шумкар, ылачын, күлүк ат, жаа, тайган таптоо
Кыргыздын бүткүл дээрлик оокаты көчмөн болгон үчүн көбүнчө жылкыга байлангандыктан жана жоо менен эч убакта жөө эмес дайыма ат менен урушкан себептүү күлүк аттын кадыры өтө чоң болгондугу үчүн эң эски заманда жоодо баатырлык кылгандарынын өзү менен кошо күлүк аттарынын тарыхын айтышат. Маселен, 1) казак Эр Эшимдин Шарп Куласы (1626-жылында).
2) Сарбагыш кыргызы Темирдин 1730–40-жылдар чамасында калмактан ала качкан күлүк аты, 3) Бугудан Папа насилинен 1760–70-жылында болгон Садык баатырдын кырк мачкери, 4) Солто Шапактын Көк Чологу (1780–90-жылдар), 5) Атакенин Кер Кулун (бир кабарда ноктолуу тору), 6) Солтодон Бекинин Кара Жызыл (1830–40-жыл), Сарбагыштан Төрөгелдинин Ак Кызыл (1835–50-жыл жана башкалар) Бугуда Балбайдын Сур Айгыр, кийинки заманда 1885-жылында Эсенкул элинен Шадыкан Токтомат уулу деген киши күзүндө «Мыяр» Кызыл жоргосун минип, эртең менен Токмоктон чыгып, Боом менен жүрүп, Кубакылап, Кочкор басып, Жоон артыктап, Долонду ашып, Нарынды басып, Шаркыратма ашып, күн батарда Атбашынын калаасына барган. Бул жүрүш жогоруда айтылгандардын жүрүшүнө караганда оюнчук болуп, алар азында 350–400 чакырым жолду күнүн баскан. Ат аткан октой деп атак берген. Тарихтен көргөнүбүз мурунку кыргыздар эрдин куну Эриштин айыбы болбосо «Чаң тийбес» деп тандап, айыбына күлүк аталган. Бир ат үчүн кыздан, катындан кечкен, бир ат үчүн эки эл бузулуп, канчалык кан төгүлгөнүн көрөбүз. Атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйгө кийирип кишен салып бакканын көргөнбүз. Жолоочу жүрүп бара жатып, ат үстүндө тамак ичкен, уктаган кыргыздын бүткүл макалында башка чарба жөнүндө жалгыз гана «эсиң оосо эчки бак» деген макал болуп, ат жөнүндө бир далай макалдар айтылат. Маселен, желдей болуп жүргөндөн жылкы болгон, 2-ат, аттан соң жат, 3-айгыры ала болсо кулуну кула болот, 4-кулун сындуу ат, бала жыттуу кыз болсо, 5-карып калган катындан эрөөлгө чыгар эр тубас, карып калган бээден, кайкуулга минер ат тубас. Киши аты терчил, киши кийими кирчил. Ат ээси менен, баш мээси менен, эр жигит бирде мырза, бирде кул, күлүк ат чапса күлүк, сатса пул, ат сүрүнбөй жер тааныбайт, эр сүрүнбөй эл тааныбайт. Атка бербес кунан бар, кызга бербес жубан бар. Жакшы ат бир камчы, жаман атка миң камчы. Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны. Акыр заман аттан ажыраган жерде. Ат – адамдын канаты. Таяк тайга жеткирет, таба атка жеткирет. Ат муратка жеткирет. Ат башына күн тууса, ооздук менен суу ичет. Эр башына күн тууса, өтүгү менен суу кечет. Айгырды кандай салсаң, айгырды ошондой минерсиң. Ат баспайм деген жерин үч басат. Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт. Аты жоктун буту жок. Элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос. Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас. Адам сүйлөшкөнчө, айбан кишинешкенче. Жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта. Байге аты каралаш, азууларын аркайткан ат башына күн тубар, муруттарын шыйпайткан эр башына күн тубар. Атты арыганда көр, эрди карыганда көр. Кыргыздар жакшы атынын башын бийик жыгачтын башына илген. Сынчылар кишини жана атты сынап, башка малды сынабаган. Күлүк чобур болорун кулун жана тай кезинде сынап билген. Үйдө олтуруп тыштагы аттын баскан дабышынан күлүк болорун билген. Жоокерчиликте жалгыз жанын атына тапшырган. Кээ бир ат ээси, уктап калса, суук кишинин элесин алса, ээсин чапчып, же тиштеп ойготкон. Аттын жашы жана кары бээден туулгандыгын билген. Байгеге чапканда аттын чыгарын, байгеге илинерин жана каларын билген. Көбүнчө Бугу кыргызынан Найман Жаныбек дегендер атка биринчи сынчы болуп, күлүктү 18 түргө, бүркүттү 65 түргө бөлгөн. Чакчы дегендер аттын канчалык жерге жүгүрөрүн билген. Сынчы күлүк жаки чобур болорун билген. Күлүк аттын бир түрлүү сыны 1) саадактап саны салынган, илбирстей ичи тартылган, бөрү кулак, бөкөн сан, бууданга чалыш ат экен. Кулун сындуу куран сан, кулжа моюн төгөрөк куланга чалыш ат экен. Кашка тиши кадоодой кара тили бүлөдөй, телегейи тегиз тарамыш, кара кушу калкандай, жазы жаак кең маңдай, жото жилик жонгондой, жонуна жатып конгондой, балык эти баладай, туяктары чарадай. Кар жилиги кадоодой, музга тууп, ташта өскөн тоогайыптан жалгашкан, кыска бакай тик далы. 2) Эшек туяк элик баш, эңчер бойлуу жагак төш. Кара саны түрүлгөн, ээрди шалпык, бото көз, чымыр туяк үкү аяк, өйдө-ылдыйды ылгагыс. Тайган иттей кыржыктап, бүткөн бою тарамыш. Көмкөргөндөй карчыты, жупжумуру моюну түз. Балык эти балкылдап, боо сырты тептегиз. Арпа сыйбас азуусу коюлданган кашка тиш. Энөө жерде эликтей, өргө чапса учкан куш. Тарткан жаадай зыркырап, дайра кечсе кебелгис. Уюл-уюл капкан бел, төө толорсук тайган төш. Каман жаак алма баш, үлбүр сагак үч чоку. Туу-Чокуда кулагы; уй куймулчак, тик жамбаш. Чакмак эти түрүлгөн кара эти жок кагелес. Чымыр туяк, тик бакай, айчылыкка арыгыс, күндөп-түндөп жүрсө да, чарчабаган талыгып. Шымаланган эликтей; кулун куйрук болсо туш, тал-тал көкүл сыйда жал, таап алган армансыз. 3) Октолуп ок жыландай жумуруланып, ээлигип, кыйгач карап кужурланып элирип, чымын учса, көктү карап, көрүнүп учар куштай оюн салып, чуу чыкса камырабай моюн созуп, чү десе учкан куштай канат сызып, айкырып алды-арты дүбүр болсо, козголбо турганына жүрөк сезип. Чолпондой көзү жайнап, ичке сагак. Сүмбөдөй тулку бою сырттан жарап. Оозун керип, көп эстеп улутунуп, ойноктоп, жерди чапчып асман карап. Муз бөйрөк, бели кыска бирдей сүбөө, түпөктөй туу куйругу өркөч бийик. Тең келбес кайберендер кулан кийик, кайрылып эки азуу көмөкөйгө. Көрүнүп, копшогондой жото жилик, узун жанбаш, кең соору алчак басык. Кылыксыз бөрү желиш, алчак басык, тарамыш тула бою сын сөөктүү. Тайган төш, камыш кулак, боору жарык, жүгүрсө закым болуп, көзгө илинбей. Тоолуу жерде тайгылбай, сууга бирдей, жылкынын кымыз, этинен дагы минген күчүнө карап, аттын урматы үчүн башка малдан артыкча багып, жылкычылар дайындап, жанында ал жылкычылар илгерки заманда кыргыздын жоого аттанган азаматтарынын артынан такоол болгон аскеринен саналган.
Ат таптоо эки түрдүү болуп, ыраңга семирген атты таптап байлоо жана колго семирген атты кайта таптоо. Ыраңга семирген атты таптоо экинчисине караганда өтө кыйын болгон. Илгерки заманда чапкан атка жем бербестен, боз от, бетеге оттотуп, кээ чакта бээнин сүтүн берип, мамыга көбүрөөк байлап коюп таптаган. Муну «куу мамы» деген. Атты чабар этине келди деген белгилери бир нече түрлүү болуп, биринчи, тери калбайт, экинчи, май калбайт, үчүнчү, каны толук арык болсо да, эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болгон. Төртүнчү – сууту абдан кандырылат. Этине абдан келген аттын белгиси өз мүнөзүнө жараша болуп, кээ бири магдырап, кээ бири чакчаңдап турат. Алардын баарында түнкү бир белгиси кандай болсо да, кандай суутса да, канчалык чөпкө тойсо да таңашырылган. (Чабар) күнү суу ичпейт, чапкан аттын жинигип өлмөгү, ачкалык жаки семиздик, жаки тер калгандыктан болот. Бул үчөө бирден жок болсо да, жана ичинде бузугу болбосо, канчалык алыска чапса да майып болбогон. Аттын табы катуу-жумшагы болуп, эгерде семиз болбосо, жаки тер калса да, кыштын күнү чабылган ат майып болбогон, бузулган күлүк атка үч түрлүү даба кылган. Биринчи, арыгынан эрте көктөмгө агытып, семиртүү. Экинчи, кышында карга арыгынан агыта берүү. Үчүнчү, күкүрт, көбүнчө, карандыз берүү. Жанын таштап чуркай турган аттардын соорусу балкылдап калбастан, жабышып калат. Чоң тер алганда барыш-келиш 25 чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, ошончолук калың жабууда жүрүп, чуу десе аягы буйдалбастан, анда-мында бир тийип жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлү болсо, эртеси байгеге ошондой жүгүрөт. Чыгар аттын белгиси жүнү типтик болуп, бузугу жок болсо, сийдиги тунук болот. Колго семиртип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап, семиртип кайта кайтарат. Жеми көбүнчө арпа, таруу болуп, эгерде этинен ооп баратса буудай берет.
Бүркүт таптоо. «Бүркүт салсаң, Алтайдын кызыл түлкүсүн киерсиң, карчыга салсаң, калжа жеп, жазга жакын болгондо атынын башын карга жейт» деген макал бар. Бүркүт чын куранда үйүгүшөт. Бугунун аягына жакын зоого жаки чөлгө тууйт. Тоңдурма кылбайт. Бир-экиден артык туубайт. Кулжада жарат, текеде канат-куйругу чыгат. Балапан чагында атасы жемин энесине берип, аны энеси баласына берет. Бирок өзү уясына жакын барбастан, обочо олтурат. Жемди дайым энеси берет, баласы учарда атасы жакын келет. Жаңыдан учурганда жакын жерге ары-бери учуруп жүрүп, аз-аздан алыстатып учуруп жүрүп көндүрөт. Илбесинди, тамакты ата-энеси алып берип үйрөтөт. Ноябрге жете уясынан көп алыстабайт.
Бүркүттүн жашы. Бир жаштагы бала, экинчи бозум, үчүнчү таш төлөк, төртүнчү кум төлөк, бешинчи барчын дейт. Колдогусу 40–45 жашка, жапайысы 100гө чыгат. Сыны: кырааны – канаты сары, жүнү тегерек, буту ич жагына ийри, көзү ак, канатынын мөрүсү калың, буту ичке, балтырына тутам батпайт. Буту көк, тумшугу көк, көзү чуңкул, ургаачысынын айырмасы билинбейт. Чөл бүркүт ачка болсо, жаш баланы эңип кетип жей берет. Бүркүт уядан алынып, андан шаңшычаак көп чыгат. Торго түшкөнү шаңшыбайт. Бүркүт арык жаки канат куйругу сынган болсо, ал кыраандык белгиси. Мындай бүркүттү он чакты бүркүт ээрчитип алып, анын алганын жешет.
Кол бала менен торго түшкөн бүркүттүн табы бир болот. Уя бала бүркүт ачка болгондо ээсин алып жейт. Жалтанбаган, коркпогон баатыр бүркүт, көбүнчө уя баладан (кол бала) чыгат. Кара түлкүнү бала бүркүт алат. Тор бүркүтү кыйпактап чыга берет.
Табы: Бүркүттү эт менен он күндө семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип, коё берип, (кыл) балтыр эти балкылдаганда он беш күндө салууга болот. Ысык жерге койбостон салкында асырайт.
Чыргаа менен үндөккө келтирет.
Түлөтүү: абдан арыктатып, жилигин үзүүгө жакындатып, кайтадан жакшы семирткенде таза түлөйт. Кыраан эмес, байлооч жаман бүркүт болсо да, түн ичинде жанына карышкыр жолобостон качат. Эч убакта бүркүттү томогосуз койбойт. Илбесин аңды 8–9 чакырым жерден көрүп, бүркүт кагынат, бутуна дулай чыгат. Маңка болот. Айыкканы аз болот. Сезгенген дартка бүркүттүн өтүн ичет. Бүркүт каман, кулжа, аркар, эчки-теке, элик, жээрен, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү алат. Кыргыз бүткүл жанжаныбарда бүркүттөн баатыры жок деп билет. Бүркүткө кыргыз ичинде көбүнчө бугу уругу тапкөй болот. Бүркүттүн экинчи түрлүү сыны: көзү чоң, жүндүү, өзү да чоң, ийиндүү, көкүрөгү кең, мойну сары, жүнүнө кыроо турбайт. Куйругу узун, жүнү шоодурак, аркасында ак жүнү, жемсөөдө он чакты кызыл жүнү болот. Көзү кызгылтым, кабагы бийик, көзүнүн чарасы кең, көзү кызыл, куму кайнап турат, шыйрагы ичке, саны жоон, шыйрак жүнү кызыл, көзүнүн ичинен буу чыгып турат. Көк-тумшук, көк аяк, тумшугу узун, кекчил, төш сөөгү миздүү жана кырдуу болот. Жемсөө чуңкур, беш салаа батарлык кең жогдору болуп, жүнүнүн учу ичке болсо мына ал кыраан карышкыр алуучулар ушул. Учуп бара жатканда бүркүттүн кыраан жаки жаман экенин билген Бугуларда сынчылар болгон.
«Чөл» бүркүт (айтылуу чөл) эки мүрүсү калың, жүнү көбүнчө саргыч, сырткы жүнү тегерек жалбырак, көзү чекир, буту көк, шадылуу, көкүрөгү жагдайыңкы, көкүрөгү жоон, көчүгү шыймыгый, тумшугу көк, тырмагы узун болот. Уя бала болсо, бүркүттүн жылкысынан жаман көп чыгат. Кандай гана болбосун жогдорлуу бүркүт кыраан болот. Жогдордун учу ичке андан аркысы учу жазы болсо деген, кыраан ушул. Кыргыздын билген атактуу бүркүттөрү: 1. Индистандын көк аяк. 2. Оролмо тоонун ак ийин (кулун менен тай алат). 3.Иленин чөлү (карышкыр, кийик алат). 4. Алайдын ак көзү (не түрлүү кыраан чыгат). 5. Аркалыктын бүркүтү. Бүркүттүн саны 65ке айрылып, анын ичинде кыраандары 19 урукка бөлүнөт: 1) Буудайык – көрбөдүк, 2) Алп кара куш, 3) Муз мурут, көргөн бүркүттө баш кыраан, 4) Кара жүндүү кабырык, 5) Чөл, 6) Чөгөөл, 7) Карала, 8) Капкара, 9) Кара көө, 10) Куу кашка, 11) Коңур чегир, 12) Шашкалаң сары, 13) Үч ала, 14) Иби кыз, 15) Куу чегир, 16) Бай кашка, 17) Бай коңур, 18) Баатыр кашка, 19) Чокунун карасы.
Түлөк бүркүттү 40–45 күндө салууга болот. Таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш этти суута салып, кирин кетирип, катуу кылбай жумшартып берет (муну ак жем дейт). Жылкы, кой, коён, кекилик – бул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Бүркүт ооруп калса жылкынын жаш этин берет. Бүркүт семизирээк болсо, көп оорубайт жана алуу дагы жакшы болот. Чакмак уруш ошолордо болот. Уй эти жакса да көңүлүн карартат. Бүткүл кыргыздагы бүркүт тууралуу бинаяны жазып олтурса, нечен китеп болот. Бүркүт тууралуу сүйлөгөндө жоодо баатыр кандай баатырлык кылса, бүркүттү ушул даражада көрсөтүп, анын эрдигине толук маалымат берет. Ошолордун мисалга төмөндө бир нечесин көрсөтөмүн: 1) Кокондуктун заманында бугу кыргызы Шапак уругунан Томонун, «сары эжи» деген кыраан бүркүтү болгон. 2) Тынай кыргызынан Жумаш уулу уругунан Кулукенин атасы Он-Бир-Жылганын оюнан бүркүтү талпынганда коё берсе, Кегетинин коосуна келип конуп калган. Чугоюп келсе Кегетинин коосунун ичинде эки күчүгү менен бир жолборс жатыптыр. Жардын кашатында отурган бүркүтүн чырга тартып кондуруп, ала кайта жөнөгөн. 3) Карыган чалдын жалгыз баласы өлгөндөн соң кайгыдан үйдөн чыкпай калганда, курдаштары көңүлүн ачмак үчүн бүркүт салганы келе жатса, эки бүркүт бир качырган бүркүттү жибербестен, улам жолдон эңип алып турган. Экинчиде качырганда ал качырган бүркүт чыкпай калып, артынан бара жаткан бүркүттүн бири шаңшып, кайта асманга атып чыгып, ташка тийип өлгөндө, экинчиси качырып кирип найза бою таштап көтөрүп жиберип, шаңшыган боюнча башка жакка сызып жөнөгөн. Булар барып караса, мурункусу баласы, тиги экөөнүн бири энеси, бири атасы. Каман тура албай жатканда тигилер өлтүргөн. Муну көрүп турган абышка: «Канаттуу куш ташка тийип өлгөндө, менин жаным недир» – деп, өзү бычакка түшүп өлгөн. 4) Кокон заманында Текесте бир жапайы бүркүт бир серпүү менен бээни жарып өлтүргөн. 5) 1840-жыл чамасында саяк кыргыздарынан Курманкожо уругунан Чычай деген бүркүтчү үйрү тобу менен карышкыр, эчки теке алган. Кара чолок деген бүркүтү болгон. Бир буту жыгачта калып, бир буту карышкыр, теке куранга кеткен бүркүт көп болгон. Бүркүт качырып бара жатканда кыска боосу ташка тие түшкөндө жулунуп калып, ага буйдалбастан, качырганына таштай болуп тийген бүркүттөр көп болгон. 6) 1867-жылында сарбагышта Жантай уругунан Дуулат Смайыл уулунун бүркүтү доңуз алып жүрүп, бир кезде каманга салса чалып өлтүргөн. 7) Калмак заманында бир жигит качып келе жатса, жолдон бир карышкыр кошулуп, алиги жигит бүгүн болбосо да, эртең мени жебейби деп зарлап олтурганда зуу деп асмандан дабыш чыкканда, карышкыр кабакка качып кирген замат артынан чөйчөктөй болгон бирөө кошо кирген. Чуркап барса карышкырды бир буту менен боордон алып, бир буту менен оозунан капшыра чеңгелдеп көзүн чукуп жеп жаткан экен. Жигит карышкырды жара тартып өлтүрүп, жүрөгүн, боорун, тилин бүркүткө беремин деп алып, бүркүтүн көтөрүп жөнөгөн. Бүркүттүн бутунда кыска боосу, мойнунда шурусу, билегинде күмүш билериги бар экен. 6–7 күндөн соң эл караанын көрүп, достошуп коё берген. Сарколдо аюу алган, Шаярда бугу алган, бүркүттүн анык барлыгын 1916-жылында уктум. Турпанда жапайы бүркүт теке алганын көргөн кишилерге оозмо-ооз сүйлөштүм. Байза бүркүткө жейрен алдырып жалпысына ырассыл. Бөлөкбай уругунан 1906-жылы 88 жашында өлгөн Тугулчу уулу Жунуш 1854-жылы чамасында агасы Үтөгөн экөө көк уянын жангызы деген бүркүткө жана бир бүркүткө жылда 300дөн ашык түлкү алдырып, келген ногой кербенине бир жүздөн аша кысыр калды койго саткан. 3–7 жылдан соң эликтин текесин салып, бир буту эликтин башында, бир буту шилисинде калып өлгөн. 1928-жылы Нарынга караган Ажы районунда Таш-Тоокум Султанаалы дегендин уя бала бүркүтү Төлөктүн кара жонунан бир кулжа алган. Бүркүт салыш көбүнчө бай-манаптын кесиби болсо да, жансактоо үчүн кедей чарбадан салганы көп болгон.
Тайган. Тайган тууралуу илгертен калган лакап, макал: Ит кырааны тайгандыр, тайганды таптап салгандыр, тамактанып тойгондур. Табам десең тайган тап, жакшы таптап, жакшы бак. Табын билсең тайгандын, табылганы таалай бак. Туйгунду күтпөй тайган күт, тайганды багып тойгун журт. Туйгунду салбай, тайган сал, тайганды салган тапкан мал. Тайган каман, илбирс, бугу, марал, аркар-кулжа, эчки-теке, карышкырды тобу менен алган. Тайгандын кыраандыгы жогоруда айтылган. Аңдардын кайсынысы болсо да, бир тиштөө менен ооз омурткасын былчырата тиштеген. Бир серпип өтүү менен толорсугун сууруп таштаган. Жаки жото жилигин бычырата тиштеген. Алгыр тайганы бар айылга түн ичинде эч убакта карышкыр келбейт. Кыргыз күлүк ат, бүркүт, шумкарды кандай көрсө, тайганды да ошондой ардактайт. Тайган салышка кыргыз өтө уста болуп, аны көбүнчө кедей чарбасы салган. Тайгандын эрлиги тууралуу илгертен айтылып келе жаткан эски сөз бүркүттүн икаясынан аз эмес. Мисалга, алардан аз маалымат берейин: Ат-Башы, Нарында бир мергенчи тайганын алып, аң уулап чыкканда, бир аюу капилеттен качырып чыгып, шашкан мергенчи ата албай калып, аюу кол саларда тайганы бурдап кеткен. Жана кол салууга жакын калганда, дагы бурдап кеткен. Мерген мылтыгына ок коюп атып жибергенде, аюу чалкасынан кеткен. Жолборско кол салган тайгандар болгон. Мисалы, кабарда 1840–50-жылдарда Бугу кыргызынан Балбай Эшкожо уулунун бир жылда жүздөп бугу-марал, аркар-кулжа, эчки-теке алган «Ак таман» деген тайганы жолборс алган. Тайгандын анык кырааны Кумайык деп кыргыздын билишинче аны көк жору тууп, туугандан үч күнгө жете киши көрсө кумайык (тайган) болуп, андан өтсө жорунун балапаны болот. Таза тайганды тайганга жаки түркөй иттин жакшысына салыштырганда башка дөбөткө буздурбас үчүн чагыша замат муздак сууга салып алат. Күчүк чагынан сөөк бербейт, чийки эт бербейт, итке талатпастан, эр жүрөк кылып асырайт. Кыраан болор тайгандын сыны: 1) кабагы тик болот; 2) тумшугу ичке, узун болот, 3) көзү кыпкызыл, 4) сырты октой түз, 5) мойну жумуру, 6) оозу өтө чоң, 7) бели кыска, 8) эки жанбаштын кошкону эни төрт эли, жаки андан да кең, 9) толорсугу тик, 10) беш манжа-таманы кууш, кичине, 11) туу куйругунун түбү жоон болот. Таза семиргенде, кайта конок көжө берип байлап, салар чакта «коён», «шорбакта» берет. 1770–80-жылдарда Солто уругунан Жамансарт Кошой уулу «Какбаш» деген тайган менен 300 чамалуу чөөгө кезигип, 91ин атып өлтүрүп, 90 чөөнү тайган өлтүргөн соң качкан.
Куш, чүйлү, тынар таптап салуу. Аялы куш, эркеги чүйлүү болуп, туйгун түш, чүйлү, тынар кыргый бир уруктан саналат. Булардын ичинде туйгундан соң балким туйгунчалык кырааны тынар (кара кашка тынар) атагын алып, өтө кыраан болот. Булар башкалардай эмес, келгин куштан саналып, мында кыштап калганы болсо, аны «кыштоочу» дейт. Уяда аз гана кармап, көбүнчө торго кармайт. Кушта атактуу кыраанын «Туурук таман түз көз дейт». Куш салуу көбүнчө бай-манаптын кесиби болсо да, илгерки ачарчылыкта бир чүйлү салып, 7 үйлүү кишини Жумгалдын аягы Карачылуу Кармен түз деген жерде Сарбагыш кыргызынан Тынай Түлкү уулу асырап чыккан. Куштун кырааны тоодон каз, куу алат. Түлөк куш кыйды, акылдуу болот. Куштун жашы 7–8ден өтпөстөн өмүрү кыска болот. Кушту буктурмага үйрөтүп салганы көп болгон. Кандай куш болсо да кекилик, чил, кыргоолду ала берет. Кушту алтыдан он эки күнгө чейин таптап салууга мүмкүн, жемине жылкы, кой этин жана алдырган илбесиндин этин берет. Муздак бербестен, бүткүл жемин жылуу берет. Куш артыкча учкул болуп, ушул куш көбүнчө тегеректен чыгат. Куштун кырааны сындуу, мүрүсү калың жүндүү барак төштүк болуп, тик олтурат. Башка кыргыздан куш салууга солто кыргызы артыкча мүнүшкөр уста болот. Кушка тоодак алдыруу четтен чыгат. Кыргыздын мүнүшкөрү күйкөгө кекилик, чил, борбашка чымчык алдырат. Бүркүт, ылачын, ителги шумкарча кушка томого каптабайт. Бул айтылгандар аңды тээп алса, куш чүйлү, туйгун, тынар, кыргый илип алып олтуруп калат. Жаки өлтүрүп кетет. Эгерде ала албаса артынан куубайт, тигилер өлгөнчө кууйт.
Ителги шумкарды таптап салуу. Шумкар ителгиден таралып, канаттуу бүркүттөн соң балким кээ чакта туйгундан дагы кыраандыгы артылып кетет. Шумкар жөнүндө кыргыз ичинде апыртылган эмес, бир далай чын дастан бар. Маселен, Семетейдин ак шумкар жана башкалар. Шумкар топтуу тоодак, куу, казды алууга жарайт. Эски сөздө ителги (шумкар) тегирмендин ташын сындыра тээптир дейт. Аныгында кыраан шумкар бүркүттү жыга тебет. Түлкү алганы болот. Коёнду тепкенде башы жарылып кетет. Туйгун куш чүйлү салганда бирди алып гана отуруп калат. Шумкар, ителги, ылачындын кыраандары эч убакта азга ыраазы болбойт. Өлтүрө тээп жүзү болсо да кырып таштайт. Эң соңунда тепкенинин жанына түшүп олтуруп, этинен тоё жеп, тим болот. Жапайы ителги, шумкардын кыраандарын ээрчип, «мен өз көзүм менен көрдүм» тамак жемекке жүргөн ителгилер көп болот. Шумкар алты урукка бөлүнөт. Маселен: 1) байпактуу шумкар, 2) күйкө шумкар, 3) канды бүркөр, 4) кара шумкар, 5) ак шумкар, 6) ителги. Шумкардын ичинде макталуу кырааны күйкө шумкар болуп, колго чанда түшөт. Булардын башы сыргак, кобулду мурундан саналат. Сөөк сыргак дегени кобулду сыртынан салат. Атактуу кыраан куу кумпай ылаачындан чыгат. Балким, күйкө шумкардан кыраандыгы артык болсо болор. Тим болбосо тең болот. Ителги менен ылаачындын ортосунан «баар» туулат. Ителги, шумкар, ылаачын, баардын насили бир болгон үчүн баарысын бир жаздым. Шумкар абдан суук, бийик тоонун башындагы зоолорго тууйт. Бийик зоого туугандыктан уядан баласын алууга өтө кыйын. Арка кыргызында ошондой шумкардын тууй турган атактуу уясы Семетейдин ак шумкарынын Арпадагы уясы. Ал тууралуу семетейчилер мындай деп ырдаган:
«Арпанын башы жайыктан, ак жумуртка туюктан».
Бул уя турган тоону 1920-жылы мен текшерип көрдүм, бирок уяга барбадым. Андай бийик зоо Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Ысык-Көл, Чүй өзөнүндө болсо да, андай бийик эмес. Ал жерден уянын барлыгын, жоктугун текшерип сураганымда мындайча жооп берди: Сарбагыш кыргызы Чертики уругунан Шопок ууру деген жигит, 1886-жылында Кытайга караган Чоң-Багыш кыргызынан жылкы уурдап келе жатып, таң атарда шашканынан ак шумкардын уясы деген Арпадагы чырмалыштын зоосунан жылгасын өрдөп барып жатып калат. Үстү жагындагы бийик уядан ак шумкардын үч-төрт балапанын көргөн (Шумкардын кырааны уяны, бийик суук зоого салып, карабайыр ителгилер жапыз аскага тууйт). Бир шумкар кечке чейин ал балапандын уясына он чакты казды бөктөрүп келип таштап кеткен. Ал зоодо уя көп болуп, уялардын түбүнүн коктуда куурап кат-кат болуп чирип үйүлүп жаткан каз, куу, суур жана кичине тоодак, кийиктердин сөөгүн көргөн. Арпаны жердеп жүргөн элдин берген кабарына караганда, 1898-жылы кышында саяк кыргызынан Мусакожо Келдибек уулу Арпага сайрандап келип, асмандан топулдап түшүп турган калың өрдөк-казды терип алган. Жана ал жердеги жылкычылар эки-үч атка сылай жүктөп кеткен. Асманды карап турса, бир куба шумкар (куукумпай жаки күйкө шумкар болорго керек) бир далай каз менен өрдөктү Арпанын башындагы уяны көздөй тийип кеткен. 1906–1907-жылдар чамасында Арпада калың өрдөк асмандан топулдап түшүп, корголоп жатканда, бир далайын кармап алган. Булардын жүрөгү кабынан чыгып кеткени болгон. Шумкарды тоодакка, казга салганда кээ чакта ээси салган жерине олтурат. Канчалык алыс учуп кетсе да жана калың илбесин болсо да, аларды ээсинин үстүнө айдап келип кырат. 1850–60-жылдар чамасында Чоң Кеминде мындай окуя болгон: ителгинин уядагы балапанын алууга эки киши келсе (аты жазылган кагазымды жоготтум) эки-үч балапанын бир бүркүт жеп олтурган уяга бир ителги келип, бүркүттү тепкилегенде бүркүт уядан учуп, жакын жердеги ташка конот. Андан ителги тепкилесе, бүркүт тоотпой отура берет. Ителги баркылдап учкан боюнча Кеминдин аягына карай кетет. Тезинен ак ителгинин баркылдаган үнү чыкканда бүркүт шашкансып учуп калат. Ителгиден мурун кичирээк боз ителги (шумкар болууга керек) бүркүттү бир тээп өткөндө жүнү бурай түшөт. Жаза тээп калса керек.Чакмак уруп атып чыгып, көкөлөй түшүп жана тээп өткөндө бүркүт далдая барып жерге түшүп, канатын чапкылап калган. Эки ителги кайта жөнөп кетип, эки киши барып караса, башы талкаланып калыптыр. Ителги шумкардын мындай икаялары көп. Баарын жазып отурса, өзүнчө чоң китеп болот. Ителги, бүркүт, ылачын, шумкар, баардын табы жакын болгондуктан ажыратып жазууга макул таппадым. Бүткүл канаттууну салууга таптаганда көбүнчө уйкусун алып, этине келтирет. Ителгиге (шумкар, ылачын) томого кийгизет. Куш, чүйлү, туйгун, кыргый, тынар талгакка ынсаптуу болуп жана заңдаганда абдан таза болот. Бир жерине дагы жугузбайт. Ителги (шумкар), бүркүт, ылачын, турумтай, сук жана ачкарак, булганч, кара борчо болот. Таза шумкарлар анчалык болбостон, туйгук катарында болот.
Б.КЕНЕНСАРИН
КЫРГЫЗДЫН ЭСКИ МАЙРАМДАРЫ
Бардык башка элдердей эле кыргыздын да майрамдары болгон. Алар: «Нооруз тама», «Үлүш», «Чечкор». Мунун биринчиси жаздын майрамы. Үч толгоодо, болжол менен марттын башында «Нооруз тама» болот. Мында ар бир түтүн үйүнө жети адамдын башын кошуп «Чоң көжө» жасайт. Анан 10–15 кишиден болуп атка минишип, кыдырып жүрүп «чоң көжөнү» ичишет.
Үлүш болсо жайлоонун майрамы. Мында ар бир айыл (албетте, жайлоого чыккандар) үч-төрт күн кымыз жыйнап, анан кочкор союп куйкалап, башка айылдагыларды чакырып кымыз жана эт берет. Бул манап-байлардын майрамы десек жаңылыш болбойт.
Ал эми чечкор болсо эгин алып, кырман сузарда майда жандыктан бирди (кой-козу, эчки-улак) союп, кырманга күрөктүн бетине мууздап, этин бышырып элди чакырып берет. Ушуга байланыштуу бир болгон аңгемени жаза кетүүгө туура келет.
Илгери бир кедей азыраак эгин айдап, аны сузганда айлындагы бир байдан улак алып чечкор кылыптыр. Ал үчүн байдын бир теше (эки гектар) бедесин чаап бермек болуптур. Анда улактын баасы 30 тыйын экенин, ал эми бир теше бедени кеминде үч күндө чаап бүтө турганын айтсак бардыгы түшүнүктүү болот. Бирок кедей анын бедесин чаап бербей калат. Бай бийге арызданып бир кой кестирип алат. Кийинки жылы койду төлөй албайт. Дагы айдатып барып бир тай алмакчы болот. Мунун ортосунда бийге эки сом бийликти кедей төлөйт. Ошентип олтуруп, жылда көбөйүп олтуруп, беш жылда төрт кесим менен кедей 16 кара бермекчи болуп калат. Түшүндүрүп айтканда баягы чечкорго сойгон улактын баасы төрт тай, төрт кунан, төрт бышты жана төрт асый болот. «Төрт кесим» деген мына ушул.
Ал эми кедейдин бактысына 1917-жылы Октябрдын социалисттик революциясы чыгып, аны жырткычтардан кутказып калат.
Бул жомок эмес, анык болгон иш. Кийин кыргыз мусулман боло баштагандан тартып молдолор эки айтты: – Орозо жана Курман айттарын майрам кылып жиберишти. Бул ушул күнгө чейин айыл-кыштактарда кадимкидей майрам болуп келе жатат.
Нооруз тама
Кочкор кышында кар түшпөгөн, малга жайлуу, бирок марттан тартып май айына чейин кара шамалы ыркырап, чаңды укмуштуудай уюлгуткан, малды тез арыктаткан кызык жер. Уйлары чийдин дүңгөсүн жеп, жылкы-койлору болсо какыраган кара ташты жалмалагансып жүрүп эле кыштан жонун ачпай чыгат.
Илгери, Октябрь революциясынын алды жагында ошол Кочкордо балдырак Аалыбай деген бир киши болуптур. Революциянын баш жагында ал кишини мен да көрүп калдым. Өзү ортодон жогорураак бойлуу, узун сыйда сакал, арык да, семиз да эмес, жагымдуу сүйлөгөн жакшы киши эле. Аны айылдаштары «бир кой эмес, бээнин этин жеп кетет» дешип айтышып, укмуштуу легенда катарында кеп салышчу.
Мен ал кишиден, тамак жеген аңгемелеринен айтып беришин өтүндүм, ошондо Аалыбай мындай деди:
«Илгери жигит кезимде бир жылы жазында «Норуз тамада» 150 үйдөн чоң көжө ичкенмин. Жесе тамак бата берет эмеспи. Мына ушундан өзүң биле бер, – деп жылмайып койду. Ошол жерде олтурган курбуларынын бирөө: «Анын сөзү чын, мен кошо жүргөм» – деп көбөлүк берди.
Үлүш
1913-жылы, июнь айынын 10–15-числосунда «Бөрүлүү» деген жерде биздин айылдын оокаттуулары бир жума кымыз жыйнашып үлүш беришти… «Бөрүлүү» деген бөксө жайлоо. Сокулук өзөнү капчыгайдан чыга калган жеринде, оң жагындагы бир айрык. Жазында күңгөйү бетеге менен тулаңды жамынган, тескейинде мекре, кымыздык, балтыркан, шыраалжын өңдөнгөн узун чөп-куурайлар, арча, четин, ыргай, сары жыгач, табылгы, караган менен жык толгон татынакай жайлоо. Илгери жер чоң титирегенде (кайсы жылы экени белгисиз) «Бөрүлүүнүн» коктусундагы эки колоттон эки тоо жарылып кулаганда Кум деп аталган шагыл коктуну бөгөп толтуруп таштаган. Узуну километрден ашат, Шагыл торпу менен жүрүп отурсаң эки көк көлгө барып чыгасың. Жазында ачык күндө жашыл тоолордун, көгүш асмандын чагылышы менен бул көлдөр укмуштуудай көпкөк-жашыл болуп көрүнөт.
Бетинин жазылыгы 10–12 миң чарчы метр келет.
Мына ошол жерде бүт эркектер, балдар да атка минишип, кымыз жыйнаган айылдарды кыдырып эт жеп, кымыз ичишип жүрүштү. Саманчы деген кыйшык көз бир киши бар эле, ал кымызды көп ичип, мас болуп үйүнө: «Эсил кайран жалгызым» – деп өкүрүп келгени эсимде калыптыр.
Мына ошентип үлүш малдуулардын жайлоого арналган майрамы болуп саналат.
Орозо айт
Мусулмандарга жылына рамадан айында 30 күн орозо кармоо парс деп молдолор 12 жаштан өөдөкү бардык кишини, эртеден күн батканга чейин даам татпай ачка жүргүзүшөт. Күн батканда жатканга чейин тамакты аябай ичишет, кеп курсак болуп жатышат. Анан «соордук» дешип (өзбектин «сахарлык» деген сөзүнөн алынган) таңга жакын туруп алышып дагы тамак жешет.
Мына ошентип айдын аягында, орозонун акыркы күнүндө «айбашы» деп бардык үй ээси боорсок бышырып, албетте, арбактарга куран түшүртүп, молдолорго кайыр-садага беришет. Молдонун айтканына караганда, «Орозо айында берген Кудайы-кайырдын сообу он эсе көп болот» имиш.
Эртесинде айт болот. Илгери кыргызда (түндүк жагында) мечит болгон эмес. Ошондуктан Күндүн мурду көтөрүлгөндө эркектер атка минишип, жакшы кийимдерин кийишип, эркек балдарын жасалгалуу кунан, тайларга мингизип алып, бир дөңсө жерге чогулушуп айт намазын окушат. Бардыгы аттарынан түшүп, кыбыланы, күн батышты карап, катар-катар болуп отурушат. «Кыбыла» деген арабдын сөзү окшойт. Кыргыздар муну Кудайдын үйү болгон кааба турган Мекенин шаары деп түшүнөт.
Молдонун алдында дасторкон жайылып турат, намазга келгендер колунан келгенинче ага акча ташташат. Муну биздин элде «намаз акы» деп аташчу. Кеминде 4–5 жүз киши чогулат, бербеген киши калбайт.
Анан эки сопу туруп, кыбыланы карап: «Сапа сапан саап!» – деп кулагын эки колу менен кармап үч жолу кыйкырышат. Бул арапча «Саффан Саф» деген сөздөн өзгөрүлгөн сөз окшойт; ал «катарыңарды түздөгүлө» деген сөз экен. Ошентип айт намазын окуп, кайра аттарына минишип, жаштарына ылайык топ-топко бөлүнүшүп кыдырып үйдөн-үйгө кирип айттай беришет. Колунан келгендер кой соёт, айттап келген элге эт берет. Молдого терисин, дагы акча кошуп: «Куран окуп арбактарга багыштап коюңуз» – деп берет.
Курман айт
Бул айт, орозо айтынан 70 күн өткөндө болот. Молдолордун айтканына караганда: «Илгери, илгери Ибрахим деген пайгамбар болгон имиш. Аны Кудай жакшы көрөт экен. Бир күнү бериштелер Кудайга: «Сиз эмне бул Ибрахим пайгамбарды мынчалык артыкбаш жакшы көрөсүз?» – дешип сураптыр, анда кудай: «Ал менден эч нерсесин аябайт, ошондуктан жакшы көрөм» – дептир. Анда бериштелер: «Эмесе, баласы Исмаилди сиз үчүн курман кылып көрсүнчү» – дешиптир. Кудай Жебрейилди жиберип: «Баласын мен үчүн курман кылсын» – деп сураптыр. Ибрахим пайгамбар баласы Исмаилге Алла Тааланын буйругун айтат, ал сөз айтпастан макул болот. Атасы чоң бычакты алып, баласынын колу-бутун бууп, «Кудайым сенин жолуңа» – деп чалып жиберет. Бирок Кудайдын буйругу боюнча Жебрейил бычакты Исмаилдин тамагына өткөрбөй кармап турат. Ошондо бериштелер раазы болушат. Ибрахим байгамбар ачууланып бычакты жанындагы ташка чабат, ал ташты жөн эле балтыркандай таарып түшөт. Мына ошондо асмандан чыгырык мүйүз көк кочкор түшүп келет, Ибрахим байгамбар аны курман чалат. Мына ошондон тартып Курман айт келип чыгат.
«Кыямат кайым болгондо, – деп айтышат молдолор, – курман чалган мусулмандар аны минип кыл көпүрөдөн чагылгандай өтүп кетишет, ошондуктан аксак-тексек эмес, семиз соо малды курман кылыш керек». Курмандыкка чалынган малдын териси, башы, төрт шыйрагы молдого берилерин көңүлгө алсак, бул шарият түшүнүктүү болот, анткени арык малдын териси начар болот да!
Курман айттын намазы, айтка даярдык, аны өткөрүү тартиби орозо айтынын дал өзүндөй болот. Айырмасы ар бир түтүн курман чалууга милдеттүү. Жети киши биригип бир төө, үч киши бириктешип бир уй, же бир киши бир кой курман чала алышат.
Бул эки майрам: Орозо жана Курман айт молдолордун пайдасына арналган. Анткени бардык башка эл чыгым болушат, жалгыз молдолор гана орчундуу пайда көрүшөт.
Азыр болсо бул майрамдар, күзгү журттай кубарып, өчүп бараткан оттой бүлбүлдөп калса да, дагы эле элдин артта калган катмарынын арасында, ал тургай шапкелерин тетири кийип намазга тура калычу кээ бир кызматчылардын арасында да бар.
Албетте, үгүт-насаат иштерин, айрыкча атеисттик иштерди күжүрмөн жүргүзүү өтө зарыл.
ҮСӨЙҮН АЖЫ
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДИНИЙ ИШЕНИМИ ЖАНА САЛТ- САНААСЫ ЖӨНҮНДӨ
Улуу Ата Мекенибиз Кытай Эл Республикасы көп улуттан куралган чоң мамлекет. Ошондуктан ар кайсы улуттардын келип чыгышы, этнографиялык өзгөчөлүктөрү, диний ишеними, салт-санаасы, улут болуп уюшуп топтолушу, турмуш-тиричилиги, илешкен кесиби менен таанышуу, үйрөнүү, бул жөнүндө изденүү, изилдөө иштерин алып баруу катарлыктар коомдук илимдин зарыл түзүүчү бөлүгү болуп эсептелет.
Демек, мен бул жерде Ата Мекенибиздеги улуттардын бири болгон кыргыз улутунун диний ишеними, салт-санаасы жөнүндө издешип, алгачкы изденүү пикиримди ортого коёмун.
1
Алгачында кыргыз элинин кандай улут экендигин түшүнүү зарыл. Биз кыргыздар жөнүндө бизге учураган, мейли чыгыш элдеринин, мейли батыш элдеринин тарыхы жөнүндөгү кайнарларынан караганыбызда кыргыз улуту өтө байыркы улут деген аныктаманы дайыма жолуктурабыз. Ошондой эле бул кайнарлардан кыргыз деген этник аттын келип чыкканы төрт миң жылдан ашуунураак убак өткөндүгүн түшүнөбүз.
Эми ошондой экен биздин ата-бабаларыбыздын ошол убактагы диний ишениминин кандай экендигин билүү азыр биз үчүн абдан зарыл. Кыргыз эли ошол убактагы тектеш улуттарга окшош эле шаман динине ишенип келген. Тарыхый булактардан караганыбызда бул дин чыгыш түндүк Азия элдеринин эң негизги, өтө байыркы дини болуп, кадимки сактар, хунндар, түрктөр, уйсундар, ал эми түрк урууларынын ичиндеги кыргыз, казак, татар, жакут кангылы, чубаш сыяктуулардын бардыгы шаман динине ишенген, бул дин айрыкча Орол, Алтай элдери арасында аябай өөрчүп, өркүндөгөн.
Шаман дини өтө байыркы дин болуп, адамзат табигатты жана анын сырдуу кубулуштарын түшүнө албаган жана аны түшүнүүгө чама-чаркы жетпей, ой жүгүртүшү бечел турган чактарда бардыкка келген. Жаратылышка сыйына турган көп кырдуу дин болуп эсептелет. Татар тилиндеги жазылган «Диндер тарыхы» китепчедеги «Байыркы түрктөрдөгү шамандык» деген темада жана мындан башка дагы тарыхый материалдарда, байыркы түрктөр болсо жыгач, темир, от, суудан турган 5 түрдүү затты ыйык санашат болучу, булар бара-бара убакыттын өтүшү менен эки нерсеге борбордошкон жогорудагы 5 заттын ичинде темирди артык ыйык билишет. Андыктан, алар өзүнө жактырып сүйгөн кишилеринин атын же титулдарын «темир» деп аташкан. Маселен, хунндардын «Кудайдын камчысы» деп аталган атактуу каарманы Атыланын атын да Темир деп аташат эле. XIV кылымда Орто Азияда жана Шинжаңда өкүм сүргөн Аксак Темир, Тугулук Темирлердин ушундай аталышы дагы ушуга байланыштуу.
Шаман дининдегилер көккө (асманга), көктөгү Айга, Күнгө, жердеги айбаттуу, сүрдүү чоң тоолорго, кайнар арашан булактарга, чоң дарактарга, отко сыйынчу экен. Айрыкча, көктү «Теңир» деп атап, аны Кудай деп билишкен. Андыктан алп тоо Тиянь-Шанды «Теңиртоо» деп атоо, анын бийик чокусун «Хан Теңири» деп, кайнар булак, сырдуу көрүнгөн дарактарды мазар кылып табынуу, ошол убактагы диндик ишенимибиздин калдык саркындысы деп айта алабыз.
Арапча тарыхый кайнардан караганда азыркы эрабыздан 45 кылым мурда Орто Азиядан Месопотамияга (азыркы Ирак) көчүп барган Акат, Сумир деген элдердин маданияты жана диний ишеними ошол жердеги жергиликтүү калктарга таасирин тийгизип, аларга өздөшкөн болуп, алар дагы Күнгө, Айга сыйынган. Сумирлер ошол жердеги элдер үстүнөн бийлик жүргүзүп турган. Ал эми ал жерде алардан кийин дүйнөдө алгач ирет заңканун куруп чыгып, мамлекетти заң боюнча башкарган Бабыл мамлекети турган. Ошол убакта азыркы эрабыздан 2 миң жыл мурда Бабылда туулуп, жашап өткөн Ибраим пайгамбар (Мухаммеддин алтымыш неченчи бабасы) Бабыл калктарынын Айга, Күнгө чокунушуна каршы чыгып, баарын жараткан кудуреттүү зор күчкө табынууну ортого коюп, бир кудайлуу ислам динине майса тиккен.
Кээ бир тарыхый кайнарларда шаман дининин да 25 пайгамбары болгондугу белгилүү. Анын биринин аты Я (жөөттөрдүн) ыйык китеби «Теуратка» киргизилген. Улуу көсөм, ары коомдук илимдер агымы Ф. Энгельс: «Шаман дини, адамзат эмеле таптык коомго кадам шилтеген убакта пайда болгон» – деп көрсөткөн. Мына жогорудагы бир катар фактылардан караганыбызда шаман дини өтө байыркы чоң дин экенин, анын кең таркалган бир дин экенин эч бир тайманбай айта алабыз.
Чыгыш иликтөөчү проф. Маловдун текшерүүсү жана изилдөөсүнө караганда, ар бир шаманисттин өзүнө таандык жасаткан доолбас (барабан), даптары болуп, шаманисттер буларды чалып, чарк уруп, айланып жүрүп, эстери ооп, талып калат. Булардын бул аракети «бакшылык» деп аталат. Бул, биринчиден, зыяндуу жаман духту кубалаш үчүн; экинчиден, кандай нерсени курмандык кылууга боло турганын билүү үчүн; үчүнчүдөн, сыркоо кишинин оорусунун себебин жана натыйжасын билүү үчүн; төртүнчүдөн, өлүм жана башка балаа, казаа, кыйым-кырсыктан сактануу үчүн; бешинчиден, башка жерлерде кандай абалдар болуп жаткандыгын билүү үчүн иштеткен. Шаман дининин башчылары ооруну көбүнчө жаман рух жана жиндердин таасирине учурагандыктан деп караган. Аларга таасирлик (гипностук), түш жоруу, бал же айбандын далы сөөгүн кароо аркылуу келечекти белгилейт эле. Жана ооруну айыктырууну өзү көтөрө алат эле. Башкалардагы булардын келечекте боло турган иштерин кабар бере тургандыгына ишенет эле. Амалиатта да ошондой болуучу кыргыз элинин атактуу дастаны «Манаста» кыргыздардын анты жөнүндө төмөндөгүдөй төрт сап ыр бар.
«Төбөсү ачык көк урсун, Төшү түктүү жер урсун.
Ак болоттун даты урсун,
Ак курандын каты урсун».
Мына бул кыска төрт сап ырда кыргыздардын диний ишеними корутундуланган болуп, биз жогоруда көрсөтүп өткөндөй, шаман дининин ишенимин асман менен жерге гана жыйнактагандыгын, темирди ыйык санай тургандыгын, ал эми ошондо кыргыздардын да шаман динине ишенгендигин ачык көрсөтүп жана далилдеп берет. Шаман дининде өлүктү узатууда өлүк менен бирге азык-түлүк, нерсе-керекти, ат жабдыктарды кошо көмүчү экен. Кылыч, найза сыяктуу куралдарын сындырып таштайт экен. Кээ бир улук саналган кишилер өлсө анын кызматчы жоролорун да бирге көмөт экен. Демек, азыр кыргыздар жайгашкан кээ бир райондогу үңкүрлөрдө адамдардын сөөктөрү менен бирге жылкынын сөөктөрү болушу, кээ бир жерден казылып алынган аялдардын сөөгү менен кошо кийим-кечек, билерик, сөйкө өңдүү майда-чүйдө нерселердин бирге табылышы да кыргыздардын шаман динине ишенгенин далилдейт.
Шаман дини байыркы жана кеңири таркалган дин болсо да, бирок убакыттын өтүшү, коомдун өнүгүшү, элдердин бир бирине аралашып өз ара таасир көрсөтүүсү сыяктуу түрдүү себептердин айынан бул динге ишенүүчү элдердин көпчүлүгү будда дини, ыслам дини, христиан дини өңдүү диндерди кабыл алышкан бул динге көптөгөн жылдар бою ишенип келишкен кыргыздар да кийинче бул динди таштап, ыслам динине өтүп кетишкен. Ошондой болсо да кыргыздардын жана ошол динге ишенген элдердин ичинде бул диндин таасири, салт-санаа иретинде сакталып калган. Маселен: мазар тайыш, аруулаш, апапташ, алас-булас, сырык салуу, өпкө кагуу, суу тегеретүү ушул сыяктуулар. Ал эми бул дин тунгус, манжу, сары уйгур, якут, шибе өңдүү улуттарда көбүрөөк сакталып азырга чейин алардын дини болуп келүүдө.
Адамдардын уруу, уруктарга бөлүнүшү, улут болуп калыптанышы, жаграпиялык чөйрөнүн чектемеси сыяктуулар динге зор таасир көрсөтөт. Дин идеялык процесс болуп, коомдук өнүгүүгө ээрчип өнүгөт. Анан бара-бара ошол улуттардын салт-санаасына айланып, ошол улуттар менен кошо көпкө жашайт. Демек, биз улутубузду өткөнкү жана азыркы ишенген диндерди илимий иликтөөгө алып изилдөөгө тийиштүүбүз.
2
Кыргыз элинде байыртадан бери карай традициялык жөрөлгө боюнча урпактан-урпакка калып келе жаткан диний ишеним менен биригип кеткен салт-санаа (үрп-адат), ырым-жырым даражада жылдыз тартып, чуңкур сакталган болуп, бул жөнүндө биз байыркы анимизм, тотемизм доорунан калып калган кээ бир нерселерге карап көрөлү.
- Тотемизм деген эмне? Аалимдердин изилдөөсүнө негизденсек байыркы чактарда ансыз маданиятсыз дүйнөнү түшүнүүдө аркада турган элдеринде бир уруу, же урук, же айрым адамдар өздөрүнүн коргоочусу деп карап, бир айбанды тандап ошол уруктун атын ошол айбандын аты менен аташат. Ал айбанды ыйык деп карашат да ал айбанга чокунбаса дагы анын руху бул урууну же кишини жамандыктан сактап, жакшылыкты баштап алып келет деп карашат. Маселен: кыргыз улутунун ичинде «бугу» деген бир атактуу уруу бар. Кыргыз санжырачылары бул урууга тотемизмдик аттын коюлушун сонун мифологиялык алда икая кылышат. Бир уучу мерген эне бугуну кармап келип, асырап жүргөн. Ал кишиге нике кылган. Бугуну жакшы асырап урматташкан. Ал бугунун өзүнүн жана күндөшүнүн урпактары өнүп өөрчүгөн.
Андан башка жана бөрү-жору деген уруулар да бар. Кыргыздар бөрүнү ак жондуу, түлкүнү, кузгунду кара жолдугу деп карашат. Кыргыздар бир жакка сапарга чыкканда алдынан бөрү чуркаса жол болот деп курсан болушат. Бөрүнүн чүкөсүн жана тырмактарын аялдар, балдар тумар ордуна асып алышат. Жаш бөбөктөрдүн аман-эсен өсүшү, бактылуу болушу үчүн бөрү терисинин оозунан өткөрөт. Мына бул болсо байыркы түрк элдеринин тотеми бөрү экендигинин биздин ичибизде салт-санаабыз болуп сакталып калгандыгынын далили. Кай бирлер кыргыздардын тутуму илбирс экен дешет. Алардын айрымы Энесайдагы Орхон түбөлүк таш эстелигинде мындай деген бир мазмун бар: «Бекаалы деген кыргыз бир киши жети бөрүнү, бир илбирсти өлтүрдүм» изилдөөчүлөрдүн карашынча: – Өтө жырткыч болгон жети душманды өлтүрдүм, өтө зыяндуу эмес болгон бир адамды өлтүрдүм деген жабык сөз болсо керек дешет. Андан башка кыргыздарда үкүнү урматтап, анын жүнүн балдардын тебетейине тагып коёт. Ал түгүл бүркүттү да урматтайт. Кээ урууларда «көк кайраган» деп көгүчкөндүн этин жешпейт.
- Кыргыздарда эки адам бир бири менен убадалашса өсүп жаткан жаңы чырпык талды кыркып туруп чырпыкты ортосунан кесип таштайт. Мына муну улуу жумуш же жоромолго таан деп аны «анты же касамы болуп бири-бирибизге кас күнөмдүк иштесек – ушул чырпыктай кыркылып куурашып кетели» деген анты болгон.
Кыргыздардын жана бир анты көк теңир урсун, же мазар урсун, ал мазарлар айбаттуу тоолордогу айбаттуу карагайлар же арашан булактар болуп алар өздөрү тилек тилешке туура келсе ошолорго барып сыйынып түнөк түнөп, тилек тилешет жана ата-энелеринин арбагынан медет тилеп, аларга ак боз бээ алпарып, мүрзөсүнө «атаэненин арбагына мөмө, мал мууздап, куран окуп, даам алышат же бата тилешет. Мына булар ислам дининин белгилемесине туура келбесе да байыркы учурдан келе жаткан жөрөлгөсү, салт-санаасы, ишеними менен биригип көндүм адатка айланган.
- Ар жылы көктөм убагында бир жерге чогулушуп, жер-сууну тайыш үчүн мал мууздап, жерден эл-журтка ийип жыргалчылык келтириш үчүн тилек тилешет. Ошондой эле күн күркүрөгөн убакта аялдар челек, таштектерди алып чыгып, үйдү айландырып чөмүч челекти урунуштуруп, доош чыгарышат. Муну кыргыздар «дамбыр таш» аташат. Кыргыздарда жана тилек тилеш үчүн көмүлгөн таштарды чыгарып, күн көрсүн деп чыгарып таштайт, муну таш оодаруу деп аташат. Эгер бирөөдөн нааразы болуп жамандык көрсө байбичелер көк ташка отуруп көк чөптү жулуп каргашат.
- Кыргыздарда шаман дининен уланып келе жаткан «бакшылык» бар болуп, булар кеселдерге карата отту чоң жактырып жарык, уруп бир ойноп кетменди кыпкызыл ысытып тепсеп өтөрүнөн жин-перилерди качырып медет тилеп, кеселге бычак уруш иштери бар жана кызытма кеселдерди «дарымдаш» монголчо дуба окуп муздак сууну кеселге бүркүш иштери бар. Андан башка жана бир иш нашытмак болсо оңуштуу жана оңушсуз болуш үчүн «төлгө» тартышат же болбосо далы көрөт. Ошол аркылуу жумуштун башакырын божомолдойт. Ал түгүл 1933жылы Кашкар эл эрөөлүнө башчылык кылган Осмоналы жана үч аймак көңтөрүшүнө башчы болгон Ыскакбектер да дайыма жандарына төлгөчүлөрдү алып жүрүшкөн. Анда башка жылдыздарга карап туруп айдын жаңырышы, тоголдорго карап жылдын жакшы келиши же каатчылык болушун билишет эле.
- Кыргыздар ар жылы үчүнчү айлардагы Нооруз майрамын өткөрүшөт. Анда бир улакты өлтүрүп, өпкөсүн алып бардык үй мүчөлөрүнө үй ичиндеги аксакалы өпкө чаап, бала казаны кубалашат. Арча шактарын күйдүрүп балдардын (ал от менен) бешиктерин: «Алас-алас балдарымдын башынан балаасы апаат калас, жаңы жыл жалга, ишибиз алга» – деп, жаңы жылды куттукташат. Жана эки жерге от жагып, мал-жанын оттун ортосунан өткөрүшөт. Ошондой эле жаңы келген келинди да алды менен отко чокунтуп, майды отко куюп, же салып ысырык салышат. Коломтону тепсетпейт. Намаз шамдан кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпайт. Шумкуш түн ичи үн чыгарса, ошол тарапка отту чачып, анын жамандыгынан коргонуу жумушун аткарып сактанышат. Мына бул жогоркулар байыркы шаман дини, маани дининен биздин салтыбызга айланып калган иштер болуп, булардын кай бирлери сыгып чыгарылды, же урунушпадык, же азыркы коомдун таламынан оолак.
- Кыргыз элинин дини жана салт-санаасы жөнүндө кызыгарлуу илимий маалымат бар. XIII кылымда жашаган либандык араптын географ аалымы жакут (якут) Хамаби өзүнүн «Мужамул булдан» деген чыгармасында Аюу-далф деген киши Мысар деген кишинин саякатынан которуп төмөндөгүчө сүрөттөйт. «…суңунда кыргыз деген урууларга жеттик. Алар таруу, күрүч, төөнүн эти, кой эти, эчки эттерин жешет. Алардын айрыкча кармаган жолдору, пикирлери, жазуулары жана ибадатканалары бар. Алар чыракты өзү өчмөйүнчө өчүрбөйт. Алардын сүйлөгөн сөздөрү өзүнчө бир уйкаш. Алар алдына жакшы жыттуу нерселерди коюп намаз окушат. Намазды түштүк жакка карап окушат. Булардын сыйына турган «көктөгү зохал, зохра» сатурн, венера планеталарын урматтайт. Марсты жактырбайт. Алардын жерлеринде жырткыч айбандар көп, караңгылыкты жарыта турган бир түрдүү асыл таштар бар. Андыктан, чыракка ажатман эмес. Падыша башчылары бар. Алардын алдында кырк жаштан өткөн адамдар эле олтура алышат».
Кыргыз эли азыркы эл аралык үч чоң диндин бири болгон ислам динине ишенишет. Булар бул динди кайсы убакта кабыл алып ишене баштаган, ким аркылуу кирген, кайсы убакытта жалпылашкан, бул жөнүндө конкреттүү ачык маалыматка ээ эмеспиз. Бул бир татаал маселе.
Ислам дини таркалышы болсо географиялык кырдаал менен байланыштуу болуп эч качан мунун сыртында эмес.
Ислам дини Арапстанда VII кылымда бардыкка келе баштаган болуп, уламдан-улам өнүгө баштаган.
Мухамет пайгамбар 628-миладиада ошол убактагы мамлекеттерге же райондорго кат жазып, буларды ислам динине үндөгөн эле. Ошол каттарда парсы императорлугуна чакырык кат жазганда падышасы катты көрүп, ачууланып катты тытып таштаган. Мухамет пайгамбар муну угуп «келечекте өзүң дагы ушул каттай жыртыларсың» деген эле. Кийин Мухамет пайгамбардын избасарлары парсы императорлугунун ушул ишин көөнүндө катуу сактагандыктан өтө катуу казап менен чабуул жасап, ортодо капсалаң болуп парсы императору ойрондолгон.
705-жылы миладиада араптар Орто Азияга бет алып жортуул жүргөн. 708-жылда бүткүл Орто Азияны баш ийдирген. Ислам динин таратууга же адатка, урматка ээ кылууга мүмкүнчүлүк жагдайын туудурууга мүмкүнчүлүк туулган.
751-жылга келгенде кытай менен араптар ортосунда Талас дайрасынын боюнда согуш болуп, кытай жеңилген. Тарыхый кайнарларга караганда ошол убакытта Бухара, Самаркан, Каратегин айланасында, Таласта аз сандуу кыргыздар жашайт эле. Мына ошол жердеги кыргыздар бул жердештери менен ислам динин кабыл кылууга күмөндөнүүгө болбойт. Демек, азыркы изилдөөчүлөрдүн карашынча: идея жагынан ушул таштай болуп, бир Теңирдин ишеним туусу астында бириккен, бир колуна ислам динин жандуу жана таасирлүү үгүт-насыятын, бир колуна кайкы кылычын кармаган араптар чабуул жүргүзгөн убакта бир да адам ислам дининин сыртында калбаган делет.
IX–X кылымдарда Орто Азиядан Багдадга барып калган. Ошол убакта ислам маданиятын дүйнөгө таратып жаткан арап аббасы Калипалыгына өкүмөт башчы болгон. Салжук түрктөрү азыркы окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда кыргыз эле дешет. Бардыгыбызга белгилүү ар түрдүү вариант менен жазылган санжыралар жана тарыхый кайнарларга караганда Орто Азиядагы саманиддер мамлекетинен келген Абунасыр аттуу бир миссионер (дин таратуучу) үндөөсү менен Каракандын мырзасы (сахнырада) Сутук Бухрахан ислам динин кабыл кылып, ошол киши аркылуу 932-жылы ислам дини алгач Артыш жана Кашкарларга таркатыла баштаган эле. Ошол убакта өтө ишеничтүү тарыхый 960-миладиа 349-ижаряда эки жүз миң чатырлуу (боз үйдө) үйдө олтурган түрк элдери ислам динин кабыл кылган делет.
X–XI кылымдарда Үчтурпан, Паргана айланасында кыргыздар бар экен. Демек, чатырлуу болгонуна караганда түрктөрдүн көп бөлүгү кыргыздар экенинде шек жок. Андан соң кара кытай Чыңгысхандын ачыныштуу бастырышына учураган чакта кыргыздын саны өтө көп экен. Азыр кыргыздардын арасында ооздон-оозго мурунтан көчүп келген бир сөз бар. «Биз уйгурлардан мурда мусулман болгон экенбиз». Уйгурлар болсо бизден кийин кичик, азырет Аалы «Сутуктун небереси Алий ассаламдын кылычынан коркуп мусулман болгон экен». Бул сөздүн негизи бар дешке болот.
Эми ал чакта кыргыз элинин көпчүлүгү Алтайдын түндүк жагындагы Энесайда бир баш агымында жана чыгыш Теңир тоодо жашайт эле. Ислам дини бул жерлерге жетип келе албаган эле. Кыргыздар кай бир себептер менен XV кылымдан баштап батыш Теңир тоого, Алай тоолоруна көчүп келе баштаган. Андан соң жерлик элдерден болуп дагы өзүбек элдеринин таасири менен ислам динин кабыл кылууга баштаган.
Кашкарлык даңктуу окумуштуу тарыхчы мырза Муханмет Айдар (1499–1551) жашаган. Өзүнүн жазган тарыхында кыргыздар XVI кылымдын теңинче ислам динин кабыл кылбаган деп жазган. Демек, кытай карамагындагы кыргыздар ошондон кийинирээк кабыл кыла баштаган кытайча, арапча тарыхый кайнарларда жана «Манас» эпосунун башкы сөзүндө бирдей эле XVI кылымдар кыргыздар ислам динин кабыл кыла баштаган. Самаркандан түштүк Шинжаңга келип, 1576-жылдан 1609-жылга чейин Кашкарда, Жаркенде айланып жүрүп күчөрлөрдү, сульфизмди (эшендик) күчөп таркатып жүргөн. Даңктуу кожо Мактум Азамдын кичүү кулу Исхак Валинин өмүр баянында мындай жазылган. Анын муруту кожо Кусейин Ашым уулу: «Кожо Исак бир убакта кыргыздардын арасына барган эле. Ал мага сен Сырбок деген кыргыздын жанына барып менин саламымды жеткир деди. Мен барсам ал бейтап экен. Мага келсин деди. Мен Сырбоктун жанына барып Сактын саламын жеткирдим.
Анын чакыргандыгын айттым. Анын кашында 400 үйлүү (төрт жүз үйлүү) кыргыз бар экен. Көп адамдарды жыйнап Насыр аш берип жаткан экен. Кыргыздар эр-аял бир чоң дарактын түбүнө келди. Ал даракка асып койгон бир күмүш бут, айланасында асылган таш буттар бар экен. Алар чокунуп, баш уруна баштады.
Мен бутту жерге таштадым. Кыргыздар чуру-чуу болушту. Анда мен Сырбокту кожонун жерине барууга чакырдым. Ал баралбаймын деп, акыры барды. Бутту кожо жаан кармап көрүп: «Бул кеселди сакайта албайбы» – деди. Кыргыздар: – Жок, – деди. – Эгер мен сакайтсам, ыйман айтып мусурман болосуңарбы» – деди. Алар макул болду. Кожо-Исак Кудайга мунажат кылды. Акыры Сырбок сакайды, Кыргыздардын бардыгы ыйман айтып, мусулман болду. Кожо Исак күмүш бутту чагып, аларга бөлүп берди». Бул жайдын аты санжырада айтылбаган болсо да азыркы Бостонтерек болушу эктималга жакын. Бул жогорудагы далилдерге, негиздерге кыргыздарды батыштагылары X кылымдан баштап ислам динин кабыл кылып, Шинжаңдагы кыргыздар XVI кылымдын соңунча кабыл кылып жалпылашкан.
МАМБЕТКАЗЫ ЭМИНАЛЫ
ЫРЫМ-ЖЫРЫМ, КААДА-САЛТТАР
Кыргыз улуту өз тарыхында окшобогон бир нече динге ишенип келген. Азыр ислам динине ишенет. Элибизде ошол диндердин түрдүүчө таасирлери азырга чейин сакталып келүүдө, ал тургай кээ бирлери замандардын өтүшү боюнча улуттук каада-салтка айланып кеткен. Төмөндө ошол ырым-жырымдардан бир нечесин алымдын жетишинче тааныштырам.
Бөрүгө катыштуу ырымдар
Эрте замандарда кыргыздар бөрүнү түтөм кылып келгендиктен, азырга чейин ымыркай балдарды бөрүнүн баш терисинин айландыра кесилип алынган оозунан өткөрөт; бешигинин башына бөрүнүн чүкөсүн асып коёт; кээ бир кишилер бөрүнүн чүкөсүн колтугуна кадап алышат.
Отко катыштуу ырымдар
Отту ыйыктап, аны улуу нерсе деп карагандыктан, отту тегеренбейт, отко түкүрбөйт, күлгө сийбейт, коломтону аттабайт. Арчанын бүчүрү менен бешикти аластайт. Нооруз майрамында бардык киши аласталат. Күн баткан соң от бербейт. От бербеген бул ишти азыркы жаш балдар билбей калды. Ошого муну жана ак чыгарбастыкты айта кетейин.
Илгери азыркыдай ширеңке болбогондуктан, кыргыздар шилбинин кабыгынан куу жасап, оттук таш аркылуу от жагып келишкен. Алар жатаарда жана күндүздөрү оттун чогун күл менен калың көөмп коюшат. Мындай кылганда чок өчпөй узак сакталат, кайсы кезде от жагууга туура келсе, ошол тиги чок аркылуу от тамызып алышат. Мына ушундай сарамжал кылалбаган кээ бир үйлөр башка үйлөрдөн чок алып чыгып, от жагат. Мына ушундай абал күн баткандан кийинки мезгилге туура келип калса, кээ бир кишилер от бербей коёт. Ал эми күн баткандан кийин ак чыгарбайт дегенибиз, кээ бир сарамжалы жок үйлөр айранын такыр ичип алып, уюткусу калбай калат. Мына ушул абалда да күн баткан соң башка кээ бир үйлөр уюткулук айран бербей коёт.
Молдо-бакшыга көрүнүү
Кесел болуп калса, болуп да нерви мүнөздүү кеселдерди молдо-бакшыга көрсөтүп окутат. Молдо менен бакшынын окугандары окшобойт. Молдолор негизинен куран сүрөөлөрүн окуп дем салат, же дем салынган сууну же аят жазылган кагаз эзилген сууну ичирет. Бакшылардын окуганы кандайдыр бир белгисиз нерсе болуп, көбүнчө мазар шайыктардын атын атайт. Отту чоң жактырып алып, үйдүн ичи-тышын айланып, оозунан ак көбүк чачылганча буркулдап, тим эле шумдук болуп кетет.
Дарымдоо
Бир жери ооруганда, тиши ооруганда дарымдатат. Дарымчы да ичинде бир нерселерди айтып, муздак суудан ууртап алып, ооруган жерге бүркөт.
Башка ырым-жырымдар
Кичинек бала чырмыктап калса, аруу кириптир деп бир чыныга күлдөн салып, оозун чүпүрөк менен жаап алып, баланын денесине жана бешигине тийгизет. Муну күрдүлөдү-күрдүлөдү деп коёт.
Бала бир нерседен коркуп кетсе, энеси же башка бир аял ошол баланын оозуна сөөмөйүн салып, «апап-апап» дейт. Муну апаптоо деп коюшат. Ушундай чочуп кеткен бала эки-үч жаштан төмөн болсо, коргошунду эритип туруп сууга куят. Бир нече ирет ушинткен соң коргошун жүрөк порумуна келет. Ошондо анан бул аракетти токтотуп, жүрөк порумуна келген тиги коргошунду баланын чапанына кадап коёт. Муну жүрөк мончок куюу дейт.
Кун алып кун берүү
Илгери киши колдуу өлгөн адамга өлтүрүүчүдөн кун төлөтүп алып, болду кылыштар болгон. Кун алуунун өлчөмү ар кайсы кездерде ар башка өлчөм менен алынган. Кээде ал мал менен өлчөнгөн, кээде күмүш пул менен өлчөнгөн. Ошондой эле ар кайсы жерлердин өлчөмдөрү да окшош болбогон. Мындагы окшоштук аялдын куну эркектин кунунун жарымына тең болуп келген.
Жесир алуу
Өлгөндөн калган жесир аял негизинен ошол адамдын туугандарынын ичиндеги ылайыктуу бирөөнө алып берилет. Муну баланга башын байлап койду деп айтылат. Мындай абалда алуучу киши аялдын төркүнүнө бир бодо берет. Феодалдык түзүмдүн катуу босогосунда илгерки жесирлерде өз эркинче ошол үйдөн кетүүгө, өзү сүйгөн бирөөнө тийүүгө жол коюлбаган. Ушундай абалда алар өзүнөн алда канча чоң кишилер менен да, өзүнөн алда канча кичүү балдар менен да никелешүүгө аргасыз кылынган. Ушундай абалга ынабаган жесирлердин мойнуна бир канча мал алып коюшкан. Анткени бу биз сени көп калың менен алганбыз, биз айтканга көнбөсөң, ушул малды бер, дегендик болгондуктан, бул чыгымы деп аталган. Ушундай жесирди алам деген киши ал жесирдин төркүндөрүнө жол-жосун кылгандан кийин ушул чыгымдын барлыгын төлөшү керек.
Үй тойлотуу
Кыргыздарда жаңыдан үй-жайлуу болгондордун жаңы үйүн тиккенде да өз алдынча арналуу каада-салты болот. Ошол каада-салтты айтуудан мурда кыргыздын негизги турмуш буюму болгон боз үйдү айта кетели. Бул боз үй, ак үй деп да айтылып, мунун негизги материалы жүн менен жыгач болот. Боз үйдүн денеси кереге, уук, түндүк жана босогодон курулуп, булардын бардыгы жыгачтан жасалат. Ал чоң-кичиктигине карай жүз баштуу, сексен баштуу, жетимиш баштуу, алтымыш баштуу дегенге окшоштор менен аталат. Бул жердеги баш дегенибиз керегенин башына каратылып, сапатына карай торкөз, аракөз, желкөз деп айтылат. Бул жердеги торкөз, аракөз жана желкөз дегенибиз керегенин көзүнүн чоң, кичиктигине каратылат. Торкөздө муштум баткыс торкөз демейдеги торкөз деп айрылат. Боз үйдүн жабдыктары кереге чалгыч, ууктун боосу, чырмоок чий, жабык баш, үзүк, туурдук, термесызма боолор, түндүк жабуу, түндүк жабуунун боолору, босого чалгыч, эшик, чий, эшик тыш, желбоо, төтөгө, кырчоо сыяктуулар.
Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрт бөлүккө бөлүнөт. Төргө ошол үйдүн аксакалдары (конок келгенде коноктор) отурат, жатат. Эпчи жакка казан-аяк коюлат, эр жакка келин-уул жатат. Улагага ээр-токум коюлат.
Жаңыдан үй тиккен киши ар канча жетик болсо да бир туурдугун же бир канат чийин көөнөдөн септеп коёт. Алгач ошол үйгө киргенде жакын кишилерин чакырып, бир мал соёт. Башын түндүктөн чыгара ыргытат (бу албетте, чийки кезде). Жакын кишилери да мамилесине карай ар түрдүү үй сарамжалдарын алып келишет. Бул үй тойлотуу деп аталат.
Чылбыр боо
Өз ара ат соодасы кылышканда, бүтүшкөн баасынын сыртында жана чылбыр боо деп бир нерсе алат. Бул чылбыр боо деп аталат. Мындай иш төөгө да айтылат, бирок аны буйла боо деп атайт. Алган малы топ бузган жорго, же байгеден калбай жүргөн күлүк болсо, же даңкы чыккан атан төө, буура болсо, мунун чылбыр (буйла) боосу жогору болот. Демейдеги ат, төө соодасы болгондо да чылбыр (буйла) боосу бир козудан кем болбойт.
Тумшук майлар
Жаңыдан ат, төө, бүркүт, мылтык сыяктууларды сатып алган киши бир малын союп, айыл-ападагы аксакалдарды чакырат. Алар дагы эт жеп болгон соң алган малыңан нарп тийсин деген мазмундагы жакшы тилектерин айтып бата беришет. Бул тумшук майлар деп аталат.
Бармак тиштетүү
Жаңыдан мылтык алган киши жогорку иштерди бүтөгөн соң бир аксакал кишиге бармагын тиштетет. Бул мылтык төп тийсин, беттеген жандар кутулбасын, олжолуу болсун деген маанилерде.
Жаңыдан сатып алган күлүк аттын тунгуч байгесинен, жаңы алган мылтык менен атып алган тунгуч олжосунан, жаңы алган бүркүттүн тунгуч аңынан жанындагыларга бербейт. Калгандар да таарынбайт.
Туур жабар
Жаңыдан алган бүркүт же кушка карата айтканда, алган киши саткан кишиге келишкен баадан сырт, бир чапан же чапандын кунун берет, бул туур жабар делет.
Мылтык жабар
Мылтык алган киши да саткан кишиге бир нерсе берет. Бул мылтык жабар болот.
Куттуктоо
Куттуктоо көп жерге колдонулат. Мамилеси жакшы кишилер жогоруда айтылгандай жаңыдан үй тиксе, там салса, келин алса, бирер маңыздуу буюм сатып алса, бирер кырсыкка жолугуп, андан сак кутулса, оор кесел болуп сакайса… куттуктадым деп, мамилесине карата бир нерсе тартуулайт. Жадаганда майда балдар жаңы кийим кийсе да, кийимиңди куттуктадым деп чөнтөгүнө бир нерсе салып берет.
Өрүлүктөө
Айылга жаңыдан бир киши көчүп келсе, калгандары мамилесине карай алды кой союп, арты бир тамак-ашын жасап алып келишет. Бул өрүлүктөө деп аталат. Көчүп жатканда бирөө келсе, же көч үстүндө бирөө жолукса, ошол кишиси көчүп бара жаткандарга: «Көч көркү болсун» – дейт. Ал жаңы журтка барганда жолуккандар: «Конуш байсалдуу болсун» – дейт. Көч жолдо бирер айылдын жанынан өтсө, айылдагылар алардын алдынан айран, каймак, кымыз, нан сыяктууларын алып чыгып, узатып коёт.
Тартуу
Көбүнесе өнөрмөндөр жана колу уз аялдар белгилүү бир кишиге же анын бала-чака, кыз-кыркын, келин-кесектерине камчы, маки, күмүш топчу, кадак, иймек, комуз, жүз жоолук, мээлей… сыяктууларды тартууладым деп соога кылат. Ал сооганы кабылдаган киши ошол соогадан нече эсе ашырып ал кишиге бир нерсе берет. Тартуу алып, аны өз жолунда узатуу-узата албастык ал кишинин адамгерчилигине, марттыгына, билермандыгына, байланыштуу чоң иш. Ошондуктан кыргызда «темене тартып төө алуу» деген сөз бар.
Конок күтүү
Кыргыз эли тарыхтан бери эле меймандос, кең дасторкондуу эл болуп, мейли балайы конок болсун, мейли кудайы конок болсун келген конокко бар малын союп, алынын жетишинче сыйлап, ат уулоосуна жем-чөптү берип жакшы узатат. Алдын калыңдап, жылуу жаап, жакшы жаткырат. Жолоочулап келе жаткан бейтааныш киши болсо да жакшы сыйлап кондурат. Эгер өзүндө малы же эт-ашы болбосо, элден карыз алып болсо да мал союп кондурат. Конокту кондурбай кууш, кондурса да жайсыз кондуруш сыяктуу жоруктар катуу айыпталып, башкалар жагынан сынга алынып айыңдалат. Атүгүл айып төлөтөт. Келген конок бара турган жерин билбесе, киши кошуп, белгилүү жерге чейин жеткирилип коюлат. Кыскасы, коноктон эч нерсесин аябайт. Ошондуктан элибизде
«Коноктуу үйдө кут бар, Колоңсолуу кишиде жыт бар».
«Үйгө киргиче конок уялат, Үйгө кирген соң үй ээси уялат» –
деген сыяктуу макал-лакаптар бар. Илгери Какшаал өрөөнүнүн көкүрөк жагында жашаган Токсоба деген кишинин үйүнө жазгы үзүмчүлүк маалында бир нече конок келиптир. Мал арык болуп, союуга жарабагандыктан, Токсоба келген конокторго өзүнүн түлөккө байлап жаткан атын союп берген экен. Мындай мисалдар четтен чыгат.
Конок кондурган киши келген коноктордун ат уулоосунан тартып ээр-токумуна чейинки мүлктөрүнүн амандыгына кепилдик кылат. Жоголсо, житсе төлөп берет. Башкалардан угушумча Улуучат, Кызылойдон Төрөбек деген киши жоюлган сууга барып консо, камчысы жоголуп кетиптир. Үй ээси андан: «Деги камчыңыз бар беле?» – деп сураганда, Төрөбек: «Камчымды Баяман уста өргөн эле, Майтарам уста үч жеринен мыктаган эле, ал камчыны колума алганда бүткүл элим бир тарапка ыктаган эле» – деп жооп берген. Ошону менен үй ээси камчы жоголгон иш үчүн тогуздап айып төлөгөн экен.
Бычак өбөлгөсү
Үйгө конгон коноктун бычагы жок болсо, үй ээси бычак берет. Башка чогулуштарда деле кай бир кишинин бычагы жок болсо, үй ээси же башкалар бычагын берип турат, ал киши бычакты иштетип болгон соң, бычак ээсине берээрде бычактын учуна бир кесим эт сайып берет, мына бу бычактын өбөлгөсү болот. Бул абал өзүнөн кичүүлөрдүн бычагын иштеткен улууларда болот. Эгер өзүнөн кичүүлөрдүн бычагы жок болуп, эт туураганда карап отуруп калса, улуулар эт тууратыш үчүн бычагын берип турат. Мындай абалда кичүүлөр өзүнөн улууларга өбөлгө бербестен, иштеткен бычакты жакшы сүртүп, тазалап туруп, маки болсо жаап, бычак болсо сабын ээси жакка, учун өзү жакка каратып туруп эки колдоп сунуп берет. Ушул жерде айта кетээрибиз, ар кандай жагдайда бирөөлөр жана бирөөлөргө бычак же ачылуу турган макини сунганда учун өзү жакка каратып, сабын сунат. Мындай кылбаса, урматсыздык болот. Эгер учуна эт илинген болсо, бычакты тик (учун жогору, сабын төмөн) кармап анан берет.
Мүчөлөрдүн ирет тартиби
Кыргызда этти туш келди чанай бербейт жана конокко туш келди тарта бербейт. Бардык мүчөлөрдүн (жиликтер) аксакал, кара сакалы болот. Бул жагында бардык кыргыздарда негизинен окшош экен, бирок баш менен куйрукта окшобостук бар. Биздин Какшаалда куйрук баар мүчөлөрдөн улуу болот. Көптөгөн жерлерде баш улуу экен. Менимче, баш бардык мүчөгө кол башчылык кыла турган болгондуктан, анын улуу болушу шексиз жана бир жагынан алганда ар кандай малга бата кылганда башы элди карап турат. Ал эми койго карата айтканда, башы катуу, майсыз, куйругу майлуу, жумшак болот. Кыргызда «мансап улуу эмес, жаш улуу» деген макал бар. Ошондуктан ар кандай соорунда аксакал, жашанган кишилер урматталат. Ушуга карай жашанган кишилердин жешине оңтойлуулап куйрук биринчи орунга өтүп калса керек. Төмөндө мүчөлөрдүн ирет тартибин ушул негизинде иш алып бара турган жерлердики боюнча тиздим.
Койдун мүчөлөрү: Куйрук, жамбаш, карчыга, баш, кашка жилик, жото жилик (кээ жерлерде чүкөлүү жилик делет), далы, каржилик.
Эчкинин мүчөлөрү: Эчкиде куйрук май болбогондуктан, аксакалы жамбаштан башталат. Калгандары койдуку менен окшош.
Бодо малдын мүчөлөрү: Уча, (жылкыга карата) карчыга, жамбаш болуп калган мүчөлөрү койдуку менен окшош болот. Бирок бодо малдын жиликтери ортосунан эки бөлүнгөндүктөн, эки башынын улуу кичилиги айрылат. Мында жамбаштын калак башы, кашка жиликтин кашка башы, жото жиликтин оон башы, каржиликтин укурук баштары берки баштарынан улуу болот. Бодо малдын ар кайсы (кээ жерлерде сээр деп атайт) «жылкынын чучугу, карын-картасы, уй-топоздун сары жүрмөсү аксакал табактарга салынат. Мейли кайсы эле малдыкы болбосун, күң жилик, далынын кечири, моюн конокко тартылбайт. Моюн эт эки жагы эки башка чыгарылып, конокко тартыла берилет. Бул жерде конокко тартылбайт дегенибиз тек гана моюндун сөөгү.
Кыргызда конокко союла турган малдардын да өз алдынча ирети бар. Эң даңазалана турганы тай союп конок кылуу, козу семиргенде козу союулар эркекче оозго алынат. Андан калганы кой союу, табылбаганда эчки союу. Бу жерде айта кетерибиз, конокко союла турган мал бар туруп, арык, карыган мал союлуп калса, айып иш деп каралат. Төө ар канча көп болсо да конокко союлбайт. Ошого «төө көп болуп, конокко сойбойт» деген сөз бар. Эрте замандарда сүт бото тайлак же кысыр эмди тайлактарды конокко сойгондук жөнүндө уламыштар айтылып жүрөт. Көз менен көргөн киши жок. Эр-аялдар аралаш отурганда куйрукту аялдар алат, өңчөй аялдар отурганда табакка баш тартылбайт.
Устукан берүү
Үй ээси конокту сыйлап, кондурганга окшош эле конок да үй ээсин урматтап, ар кимиси өзүнө тиешелүү мүчөнү алып, жолу менен иреттүү жеп, салт боюнча устукан берет. Андай кылбай, колуна тийген мүчөнү карга-кузгунча а жер, бу жерден тытмалап ит мүлжүгөн дөй кылса, же устукан бербесе, ал да өз ылайыгында айыпталат. Атүгүл ошол алган мүчөсүнүн сөөгү чөнтөгүнө, эт баштыгына салып коюлат, же канжыгасына бекем байлап коюлат.
Мейли конок конгондо болсун, мейли аш-тойдо болсун учанын устуканы сөзсүз түрдө үй ээсине берилет. Ачынарлуусу, азыр биздин кээ бир аксакалдарыбыз салтты бузуп, учанын устуканын үй ээси турмайлык башкаларга да бербей, үйүнө көтөрүп кетип жүрөт. Жаштарыбыздын муну туурабастыгын эркекче үмүт кылам. Калган мүчөнүн устукандары отурган соорундун ыңгайына карай берилет. Бирок ошондо да негизинен ошол үйдүн кишилерине берилиши керек. Адам көп болгон чоң чогулуштарда башкаларга берилет (бирок уча жана эле үй ээсин табышы керек!).
Сөз атоолорго байкас кылып, Сылык-сыпайы болуу
Улууларга кичүүлөр сен деп одоно айтпастан, сиз деп сылык мамиледе болот. Эркектер ар күнү биринчи ирет жолугушканда салам айтат. Ал тургай бир үйдө жаткан ата-бала да таң эртең менен салам айтышат, (бала атага салам айтат) салам айтпаган кишилерди айың коёт. Аялдар менен эркектер бирин бири силер деп сүйлөйт. Түздөн-түз сен дебейт, теңтуш кишилер, өтө аралашып кеткен жакын кишилер сен деп сүйлөшө беришет.
Кулакка жаман угулуучу одоно сөздөрдү мүмкүндүктүн барынча сылыктатып айтат. Маселен, өлдү дегенди каза болду, пендечилик кылды, көз жумду, дүйнөдөн өттү, көзү өттү, ээсине берди… сыяктуулар менен айтат. Ооруп калса: тумоолоп калды, сактыгы жок, бейтап болуп калды, кичик бала болсо чырмыктап калды, чикерттеп калды деген сыяктуулар менен айтат. Жалап дегенди: аягы суюк, ычкыры бош, кашка деген сыяктуу сөздөр менен айтат. Ал эми мунун тескерисинче, эрине адал, элге жагымдуу жакшы аялдарды колун ит каппаган, ала жип аттабаган, ак элечеги башынан ообаган деп коёт. Ууруну колу ийри, колунун туткагы бар деп коёт.
Келин менен күйөө кайын журту алдында жылаңайлак, жылаңбаш жүрбөйт, буту-колун сунуп салып тайрайып жатпайт. Күйөө-келин болбогон башка жаштар да өздөрүнөн улуу кишилердин алдында бутун сунуп отурбайт, жамбаштап жатпайт, кыйкырып сүйлөбөйт.
Кыргыздарда кандай эле соорунда болбосун, мейли эркек, мейли аял жынысы мүчөгө жана жынысы мамилеге байланыштуу сөздөрдү ашкере айтканды жаман оор алат. Атүгүл урушуп, мушташып калганда да мындай сөздөр менен сөгүшпөйт. Ошондуктан биздин элде: «Жаман үйдөн жаман түтүн чыгат, жамандын оозунан жаман сөз чыгат» – деп, мындай жоруктарды аябай сынга алат.
Салбуурунчулук
Мылтык атып, жаа тартыш, ит агытып, куш (бүркүт) салыш, желе коюп, тор жайыш, капкан тузак коюулардын бардыгы жалпы жонунан салбуурунчулук деп аталат. Бирок азыр бул тек гана мылтыкчан аңга чыгуу менен бүркүт салууга эле каратылып калды. Кандай эле болбосун кыргыздар жогорку аргалар менен аңчылык кылуу тарыхтан бери уланып келе жатат. Бул өнөрлөрдүн да өз ылайыгында каада-салты болот. Маселен: мергенди ээрчип чыккан киши карасанчы деп аталат. Мерген бир кийик атса өзү териси менен төрт сан этин алып, карасанчыга беш сан эт берет. (Кайыптын эти тогуз сан эсептелет). Карасанчы бир эмес бир нече киши болсо да, ушу тиги беш сан этти тең бөлүп алышат. Бирок азыр мергенден да ынсап качып, ата-бабабыздан калган салтка урмат кылбас болуп бара жатат.
Бүркүтчүнүн да жолдошу болот. Аны какмачы деп коёт. Анткени ал далдада жаткан аңдарды үркүтүп, ачык жерге чыгарып, бүркүттүн алышына оңтойлуу жагдай жаратып берет. Бүркүтчү алдырган аңын бүркүт менен ээси бир үлүш, какмачы бир үлүш кылып бөлүшөт. Кыргыздар бүркүтчүнү «үч ач» деп коёт. Анткени анын өзү, минген аты, салган бүркүтүн айтмакчы.
Мерген, бүркүтчү, капканчылар аңдан кайтып келе жатканда учураган киши аларга «шыралга» деп салам берет. Алар «болсун» деп алик алып, тапкан олжосунан ылайыгында берип кетет. Ушул кесиптегилер бирге чыккандарга өз жолу менен олжосунан бербесе, же жолдо учурап шыралга айткандарга ырым кылбаса, оор алынып айыңдалат. Ошол үчүн кыргызда:
Кийик атып эт бербесе, тоодогусу жакшы,
Бээ байлап кымыз бербесе, жоодогусу жакшы» – деген сөз бар.
Рамазан айтуу, бала мактоо
Орозо айы кирген соң рамазанчылар түндөсү эшикке келип рамазан айтат. Рамазандын мазмуну коюу диндик түсүн алган болуп, орозо кармоо, орозонун битирин берүү сыяктууларды өз ичине алат[1]. Рамазан айтылганда үй ээси ун сыяктуу түрдүү нерселерди берет. Рамазанчы муну менен эле токтобостон, ошол үйдүн кичинекей баласы болсо, ошол баланы мактап жана ырдай берет. Мындай бала мактоолор бала отургузуп берилген сүннөт тойлордо да боло берет. Бала мактап ырдагандарга ата-энеси кур койбостон мал-пул же башка заттык буюмдарды берет.
Дамбыр таш
Жыл жаңырып, жаз кирген соң тунгуч ирет күн күркүрөсө, катын-бала челек, таштек сыяктуу темир идиштерди даңгырата койгулап, «жер айрылып көк чык, желин айрылып сүт чык» дегенге окшош ырды айтып, үйдү айланып жүрүшөт. Мына муну дамбыр таш дейт. Ушул жерде айта кете турган нерсе, кыргыздар атам замандан тартып эле чагылгандын металл буюмдар менен катыштуу экендигин билип жетишкен. Ошондуктан алар кай-кайсы убактарда чагылган чагылбасын, чагылган күчөп баратканда казантулга сыяктуу металл буюмдарды үйдөн талаага алып чыгып, алысыраак жерге таштап коёт.
[1] Рамазан жана бала мактоо ырлары «Адабият – көркөм өнөр» деген темада берилди.
ХЫ ЖИХОҢ
НООРУЗ ТАРЫХЫ
Ар жылы жыйырма биринчи мартта кыргыздардын жөрөлгөлүү майрамы болот. Бул майрам тууралуу гезиттерде көп эле жазылды, бул жерде мен аны кайталап сыя коротуп отурбаймын. Тек кээ бир байланыштуу тарыхый материалдарга негизденип, Нооруз майрамынын келип чыгышы, өнүгүшү жана азыркы абалга жетиши жөнүндө гана өзүмдүн азыноолак көз карашымды айтып өтөмүн. Дегинкиси менин бул макаламда жалаң тарыхый жагдайынан гана сүйлөнөт.
Нооруз майрамын өткөрүү жалаң кыргыздарга гана таандык эмес, мамлекетибиздеги түрк улуттарынын бардыгы ушул майрамды өткөрөт. Ал гана эмес Иранда да Нооруз майрамы майрамдалат. Ал эми биздин бул майрамды кыргыздын жөрөлгөлүү майрамы деп айтышыбыз да себеп – кыргыздардын бул майрамды өткөрүү тарыхы башкалардыкынан бир кыйла узун. Нооруз майрамы шамсия жыл эсеби боюнча ар жылы жыл башында өткөзүлүп, ал Жаңы жыл деген маанини берет. Демек, жыл болгон соң анын жыл эсеби болот. Кыргыздар түрк улуттарынын ичинде күн, ай, мезгил, жылдарды жана он эки мүчөлдү эң алгач, ары эң кемелдүү колдонуп келген байыркы улут болуп эсептелет. Кыргыз илимпозу Анвар Байтур сыяктуулар да муну изилдөө аркылуу далил деген.
Кыргыздын жыл эсеби жөнүндө таң доорунда жазылган кытайча китеп «Тынч аалам – кыргыздар» да, «Кыргыздардын жыл эсебинде жыл башы «Нооруз» деп аталат; алар айды «ай» дейт. Үч ай бир мезгил болуп, мезгилде жаз, жай, күз, кыш деп төрткө бөлүнөт; кыргыздар жылды 12 мүчөл менен эсептешет, мисалы: «з» жылын чычкан жылы, «шин» жылын түлкү жылы дешет… деп айтылат.
Мындай жыл эсебинин пайда болушу жөнүндө мамлекетибиздин суң доорундагы караханидде каганатынын атактуу илимпозу Махмуд Кашкаринин «Дивани логатит түрк» аттуу чыгармасында мындай бир кызыктуу болумуш келтирилет: «Байыркы замандагы түрк кагандарынын бири өз эмгегин кийинкилерге калтырып кетмекчи болот. Бирок ал кезде жыл эсептөө болбогондуктан, ай-күндү (убакытты) жазууга амалсыз калат. Ошону менен ал вазирлерин баштап дайранын жээгине ууга чыгып, андагы айбанаттарды дайранын аркы өйүзүнө карай айдайт. Айбанаттардын жээкке чыгуу тартиби боюнча он эки жаныбардын аты жылдын аты болуп калат».
Бул жыл эсебинин жаралышы тек ошол кездеги каганат үчүн зор иш болуп кана калбастан, ал жана биз кытай улуттарынын адамзат маданиятына кошкон эбегейсиз салымы, жаадырап ачылган маданият гүлү болуп эсептелет.
Айтмакчы, байыркы кыргыздар жогоркудай жыл эсептөө башталгандан тартып ар жылы ошол күнү куттуктоо кыймылдарын өткөзүп, бул чоң мааракени майрамдап келишкен.
Ушундай жыл эсептөөнүн башка улуттарга таралышына ээрчий мамлекетибиздеги байыркы түрк улуттары аны колдоно баштаган.
Демек, ушуга карап олтуруп Нооруз майрамынын келип чыгышы кыргыздардын жыл эсеби менен байланыштуу. Мындайча айтканда, Нооруз майрамынын пайда болушу алды менен кыргыздардын жыл эсебинен келип чыккан деп карайбыз.
Ошондой эле Нооруз майрамы кыргыздардын эмгек, өндүрүшү менен байланыштуу деп да карайбыз. Мен өзүмдүн бул көз карашымды кыргыздар Нооруз майрамында жечү «көжө» тамагы аркылуу ырастагым келет. Кыргыздар Нооруз майрамында жети түрдүү данды кошуп көжө жасашат. Ары айыл-апасын чакырып көжөнү чогуу ичишип жаңы жылда мал-жандын амандыгы үчүн тилек тиленет.
Нооруз майрамында кыргыздар эмне үчүн көжө ичишет? Бул жөнүндө кыргыздарда мындай бир уламыш бар.
– Бир жылы кышындасы аба аябагандай суук болуп, суу муздап калгандыктан тегирмен жүгүртүүгө мүмкүн болбой калат. Ошону менен кыргыздар данды бүкүлү кайнатып жеп күн өткөрүшөт. Кийинки жылы муз эрип, жер жумшап, жайлоонун жери күр, малы семиз болуп, ал жылы мурда болуп көрбөгөндөй ак төөнүн карды жарылган берекелүү жыл болот. Ошону менен калың кыргыз жылдын мындай келишин көжө ичкендиктен болду деп карап, ар жылы Нооруз майрамында айыл боюнча ак тилегин айтышып көжө ичип, Жаңы жылды куттукташат.
Ал эми биз Нооруз майрамын кыргыздардын эмгек жана өндүрүшү менен байланыштуу дедик. Биз муну Нооруз майрамынын убакты менен далилдейбиз. Нооруз майрамы менен тең эле жаз жарышы башталып, төл алуу мезгили болот. Ошондуктан, майрам мезгилинде кыргыздар өздөрүнүн өндүрүш тажрыйбаларын алмаштырып, жаңы жылдагы ой-пикирлерин ортого салат.
Нооруз майрамы жана байыркы кыргыздардын диний ишеними менен да байланыштуу. Байыркы кыргыздар бир түрдүү башталгыч динге ишенишип, суу, тоо пирлерине, айрыкча от пирине сыйынышып, күн пири «Умай эне» дешип, аны жаандагы бардык нерсенин баш паанасы деп карашкан. От пири кишилер арасындагы бала-каза жин шайтандарды жок кылат деп эсептешкен. Ошого алар көөнө жылды узатып, Жаңы жылды тосуп алчу Нооруз майрамында ак тилегин айтышып, бардыгы кечиндеси «алас-булас» айтышып, оттон секиришкен. Эртеси таң атаары менен үй ээлери ысырык салып, үй-бүлөсүнүн жана мал-баранын башынан үч жолу тегеретип, короону үч айланып, бала-каза жана жин-шайтандардан сактанган, ошого биз Нооруз майрамын кыргыздардын жыл эсеби, өндүрүштүк эмгеги жана диний ишеними менен тыгыз байланыштуу деп карайбыз.
Нооруз майрамы кыргыздардын салттык майрамы болуу менен катар байыркы замандан тартып, азыркы заманга чейин болгон аралыкта өзүнүн өнүгүү, өзгөрүү жана көтөрүлүү, басаңдоо тарыхын басып өттү. Нооруз майрамы алгач кыргыздардын жыл эсебинин пайда болгонун гана куттуктоо кыймылы болуп эсептелсе, кийин тарыхтын өнүгүшүнө ээрчий ал акырындап отуруп, кыргыздардын өндүрүш, диний ишеними менен тыгыз байланышып, ага кыргыздын ак тилеги сиңди. Ошентип, бул майрамдын мазмунуна доор түсү үзгүлтүксүз кире баштады.
Кыргыздардын Нооруз майрамы кайсы доордон бери өткөрүлүп келгендиги тууралуу азырынча так маалымат болбосо да, кыргыздардын кем дегенде сүй сулаласы (581–618-жылдар) доорунан тартып Нооруз майрамын өткөрүп келгендиги, таң сулаласында Нооруз майрамын өткөрүү кыргыздарда абдан өөрчүп, кийин бул майрамды тек кыргыздар гана эмес, башка түрк улуттары да өткөргөндүгү маалым. Таң доорунда кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат деп эсептечү, ал эми алар Нооруз салтанатында кең кеткен Энесай жайлоолорунда арстан ойнотуп, төө чаап, ат үстүндө түрдүү чеберчиликтерди көрсөтүшчү. Нооруз салтанатынын көлөмү абдан чоң болуп, ага тек бир-эки гана айыл катышпастан, бүткүл кыргыз уруулары катышып, майрам аябай кызыктуу өтчү.
Кийин турмуш жагдайынын өзгөрүшүнө ээрчий майрамдын мазмуну, формасы жана көлөмү жагынан өзгөрүш боло баштады. Кыргыздар Энесайдан Памирге көчүп келишкенден кийин да Нооруз майрамын өткөрүп жүрүшкөн болсо да, бирок майрамдын көлөмү Энесайдагыдай чоң болбоду. Айрыкча кыргыздар жана башка түрк улуттары ислам динине киргенден кийин исламдын диний майрамдары (орозо айт, курман айт сыяктуулар) алардын негизги майрамдары болуп калды. Ал эми кээ бир улуттар Нооруз майрамын өткөрбөй турган болушту. Кыргыздар Нооруз майрамын үзбөй өткөрүп келишкен болсо да, көлөмү жагынан мурдакыга жетпеди.
Кыргыздардын Нооруз майрамы ары ирандыктардын жаңы жылына, ары кытайлардын чуңяң майрамына окшоп кетет. Кытайлар чуңяң майрамын өткөргөндө эркектер жую гүлүн тагышып, аялдар сары жуйхва гүлүн чачтарына байлашып, чогулушуп бийик жерге чыгышып, алыска көз чаптырышат эле. Ал эми Памир бийиктигинде жую гүлү жана жуйхва гүлү болбогондуктан кыргыздар кагаздан гүл жасап тагынышкан. Биз мындан салт-санаа, маданият жана жөрөлгө жагында кыргыздар менен кытайлардын өз ара терең таасир тийгизишкенин көрө алабыз.
Кытайчадан которгон Амантур АБДЫРАСУЛ
МУКАШ КЫДЫРБАЙ
КЫРААНДАР ТОБУ
«Кыраандар тобу» жөнүндө ата-бабамдан калган нускалуу сөздөр негизинде өзүмдүн керт башымдан өткөн тажрыйбаларды жыйнап тааныштырам.
Алгыр канаттуулар булар: ак куш, кара куш деп эки топко бөлүнөт. «Куш» деген сөз жалпы аталмадан турат.
Ак куштар тобуна: шумкар, туйгун, тунжур, тынар, карчыга, чүйлү, кыргый өңдүүлөр кирет.
Кара куштар тобуна: бүркүт, ителги, ылаачын, турумтай, өңдүүлөр кирет.
Туйгун, тунжурлар жөнүндө
Туйгун менен тунжурлар сөөк курулмасы, канат, куйруктары негизинен окшош. Ошондой эле жүндөрү да эрекче айырмаланып кетпейт. Жөнөкөй кишилер аларды бири-биринен айра албайт.
Туйгун менен тунжурдун эрекчеликтери мындай болот. Туйгун
Ата-бабабыздан бизге калтырылган укмуштуу сөздөргө негизделгенде туйгунду башка ар кандай куш же бүркүт канаттуулардын үстүнө көтөрүп кирсе, алар туйгунду көргөндө туурда болсо жерге, бийикте болсо өөнгө түшүп коно калат дешет.
Мүнүшкөрлөр туйгунду көтөрүп илбээсинди издеп жүргөндө, же илбээсинге учурганда анын караанын эле көргөн канаттуулар, атап айтканда, каркыра, турна, каз-өрдөк өңдүүлөр учалбай тырпырап жерге түшсө, коён өңдүү төрт аяктуу жандар да кайда качарын билбей тырпырап калат дешет.
Ооздон-оозго көчүп келген туйгун жөнүндөгү жогорку эки эрекчеликтен башка анын сымбаты мындай сүрөттөлөт. Кыраандар тобунда туйгундун олтурушу өтө эрекче болуп, сымбаттуу, көрктүү, тик олтурат. Тырмактары кызылга жакын. Көзү сүттөй ак, жердиги акка жакын. Бирок сырт тарабы ак чаар, учтары терек жалбырак, чалгындын үч тарабында туура кечирилген сары балдак менен белгиленген.
Тунжур
Тунжурдун жүнү негизги жактан туйгундун жүнү менен окшош болсо дагы кээ бир бөлөктөрүндө белгилүү окшобой турган тараптары бар. Мында чалгындын үстү кереге, чалгындан тартып темгек, тор көзөнөк шекилдүү, боор жүнү бозгумтул болуп, тунжур сымбаты жана даражасы жактан туйгундан төмөнүрөөк турат.
Тынар
Тынар ак куштан да, кара куштан да (бүркүттөн) чыгат. Тынар жолдош Чала Кызматкул айткандай куштан чыккан балбан. Анын буту-колу жоон, шыйрагы кыска, далылуу болуп, жүндөрүнүн сырткы көрүнүшү ар түрлүү, боор жүнү жөнөкөй куштарга окшош. Куштан чыккан кыраандардын негизинен көзү ак келет.
Илгерки көөнө мүнүшкөрлөр өздөрүнүн узун тарыхый тажрыйбаларына негизделип куш, бүркүттөрдүн жүндөрүнүн түзүлүшү жөнүндө: «Туулуп өскөн уясы эмне болсо, жөнүндө белгилүү өзгөчөлүк жана окшоштуктар болот» – деп, ошого карай сындарын беришет. Маселен, терекке тууган куштар боз, кайыңга тууган куштар кызылга жакын болот. Мында бүркүттөрдүн тулаңдуу жерден учкан балапандары кызгылтым, сары аяк, колу эткел жүндүү болот. Чөл жердин балапан кубаңкы, жүнү тайыз, как аяк келет. Бийик аскалуу зоолордо учкан балапандардын канат, куйруктарынын жарпынын ак карлуу зоо шекилдүү бедери бар дешет. Аксакал мүнүш көрлөрдүн «бул тескей жерде чоң болгон тескейдин балапаны же күңгөй жерде чоң болгон күңгөйдүн балапаны» – деп, сын берүүлөрү белгилүү маңызга жана негизге ээ болсо керек.
Шумкар
Шумкар ителгиден чыгат. Шумкар деген угум адамга өзгөчө туюлуп, кулакка өтө жагымдуу угулат. Шумкарларды сырткы көрүнүшүнө карай ак шумкар, кара шумкар, кызыл чаар шумкар, күйкө шумкар деп аташат. Шумкарларды мейли кайсы жактан болбосун анын алгыр кыраандыгында белгилери болот.
Анткени кыраан болот экен, ал белгилүү негизге ээ болуп эле калбай, анын жүнү, сөөк курулмасы жана канат, куйруктары да көрүнүктүү эрекчеликтерге ээ болот.
Шумкар жөнүндө атаман уккандарым
Октябрь көңтөрүшүнөн мурун, айтор, 1910– 1914-жылдар аралыгында Кыргызстандан Көкүмбай аттуу бир адам ооданыбыздын Кулансарак айлы, Жаманаңыз кыштагына көп үйлүү жоролору менен келип олтуруп калат. Мында Кулансарак айлындагы эстүү-баштуу журт аксакалдары чогулуп кеңеш куруп, кээлери ат алып, кээлери аштык алып, Көкүмбай болушка барып учурашып, ал-абалын сурап, таанышып келүүгө келишет. Камылга бүткөн соң белгиленген күнү Көкүмбай олтурган журтка барат. Бул топко кошулуп атам Кыдырбай атасын ээрчип бирге барат. Атам ошондо жыйырма жаш айланасында экен. Атам уккан, көргөндөрүн бизге төмөндөгүдөй айтып берер эле.
Кулансарактан келгендерди Көкүмбай болуш канттуу чайын берип, бир тайга бата кылдырат. Коноктор жана болуштун өзү бирге бир чоң өргөөдө аңгемелешип бирге олтурушат эле, ошондо сырттан бир жигит кирип: «Баатыр, шумкар талпынып жатат» – дейт. Көкүмбай болуш айланасын кубана карап: «Оо, анда бир жерден илбээсин келген экен го» – деп, ордунан ылдам тура калып эшикке чыгат. Бирге олтургандар да болушту ээрчип эшикке чыкса, Көкүмбай болуш жанындагы жана бир ак өргөөгө кирет. Эрчиген топтон бир канчалары бирге кирет. Караса бул ак өргөөгө бир кара көшөгө тартып, көшөгөнү ача койгондо кузгундай бир кара ителгинин туурдан түшүп, талпынып турганын көрүшөт. Болуш ителгини көтөрүп эшикке чыгат. Эшикке чыккан соң ителги бир силкинип чычып берип, канатын күүлөп учууга камынат. Анда Көкүмбай болуш таңыркап турган топко карап: «Оо, жакшыларым, баатыр теминип учууга камынып калды. Какшаалда кандай илбээсиндер бар?» – деп суроо коёт. Анда: «Какшаалда коён, кекиликтен башка жандар жок болот» дегенде: «Каз, каркыра дагы жокпу?» – деп кайра сурап жооп алгыча ителги теминип калат. Болуш коё берет. Ителги түштүк маңдайдагы Сапарбайды көздөй алды менен табана зыпырылдап бир кыйлага учуп, андан бийиктеп обого көтөрүлүп, тоону жакалап көздөн кайым болот. Көкүмбай болуш: «Оо, жакшыларым, шумкар учуп кетти, жаш-жалаңдар кулак салгылачы, кандай доош бар?» – дейт. Тыңшагандар: «Сапарбайдын аягы Деңгер жакта каркыра, турнанын үнү бар» – дешет. Муну угуп Көкүмбай болуш кубанып: «Анда, коноктор, тетиги дөбөгө чыгып бир аз олтуралы, келип калар» – деп, дөбөнү көздөй бет алат. Кулансарактан келген элүү, алтымыштай адам Көкүмбай болушту ээрчип, таш дебөгө чыгып тегеректеп олтурушат. Чай кайнам убактан соң Сапарбайдын тоосу жактан шумкар жети каркыраны айдап келип, көз ачып жумгуча бешти тээп түшүрөт.
Көкүмбай болуш жерде жаткан каркыраларды бир карап алып: «Оо, бу дагы бизге окшош мусапыр, жаңыдан келген келгиндер экен. Чакыргыла, баатырды, калганы тирүү кайтсын» дегенде жигиттин бирөө жерге түшкөн турнанын бирөөн шыйрагынан байлап, булгалап чакырып калат. Анда шумкар асмандан атылган октой шуулдап көзгө-илинбей түшүп келет.
Мына бул Көкүмбай болуштун кара шумкары болуп, анын сөөк курулмасы, сырт жагы көмүрдөй кара, куйругу бедерсиз сыйдам, боор жүнү кекилик бедер, бут, колдору жумуру толмоч эле. Ошондо Кулансарак элинин мыктуу аксакалы Түкбаш баатыр деген болуп, анын да колунда шумкары болгон. Түкбаш баатырдын шумкары сөөк курулмасынын чоң, кичиктиги Көкүмбай болуштун шумкары менен окшош болсо дагы, бирок жүнү кызыл чаар, жүнү кызымтыл болгон, канат, куйругунун үстүнөн туура ак балдак кечирилген, боор жүнү кекилик бедер, саңоору туура сызыкча кара чекит менен белгиленген экен.
Бул эки шумкардын өздөрүнө таан өзгөчөлүктөрү бар болгон.
Экинчи жолу (ошол жыл күз айлары) боз кыроо мезгилинде Кулансарактын журт аксакалдары Көкүмбай болушту жалпы жолдош-жоролору менен кыштык согум башталганда Кулансарактын түндүк жагындагы Булак кыштагына конокко чакырган. Ар эки баатыр шумкарларын алып, Булакка жетип баргыча бирге тамаша сала жүрмөкчү болушкан. Бул жерде кекилик, коён кумдай көп болсо дагы каз, каркыра катарлуу илбээсин Какшаал өңдөрүндө болбогондугу үчүн ал жайдан тегеле учура баган.
Түкбаш баатырдын кызыл чаар шумкары Булакка баргыча кырк-элүүдөн ашуун коён, кекилик тээп ээрчиген жигит-жалаңдардын канжыгалары коён, кекилик менен толуп кеткен дейт.
Көкүмбай болуштун кара шумкары омсоңдоп эле коюп, бир да учпаган экен. Булакка жетип барган соң конокторго сыйлуу даамдар, чай бердирилген. Бирок Көкүмбай болуш көңүлсүз олтурган. Чай дагы ичпеген: «Бу жерде шумкар салгыдай илбээсин жок болот экен да» – деп тынчсызданып кайта-кайта сурай берген. Мында жол билген бирөө: «капырай, болуштун көөнү карал таппай көңүлү катыр жамсыз болуп атат. Булактын туурасы Бөйрөк өтөк деген жерге бир бала чаптырып, ал жерде эмне болсо көрүп кел, карга, сагызган барбы» – деп жиберген. Барган бала бат эле кайта жетип келген: «Бөйрөк өтөктө эсепсиз кара карга, ала карга, көк моюн таан көк чукуп жатат» – деп кабар берген. Муну уккан Көкүмбай болуштун кабагы күн тийгендей жарк этип ачыла түшүп, ичип олтурган чайды таштап, алдырап аттанып жөнөгөн экен. Мына бул эрекче куштук куш, бүркүттүн кумары эмеспи!?
Көкүмбай болуштун кара шумкарынын тамашасын көрөбүз деп ошол айланада олтургандардын бардыгы Бөйрөк өтөккө бирликте жетип барышат. Барган соң Көкүмбай болуш Өтөктүн баш тарабы бир көмүскөдөн чыгып шумкарды коё берет. Шумкар колдон учушу менен каргалар ызы-чуу түшүп, Кулансаракты көздөй төмөнгө бет алып учуп жөнөшөт. Шумкар алды менен зыпылдап учуп, каргалардын үстү менен кайтып бир паста көп карга көздөн чыгып кетет. Көкүмбай болуш: «Каргаларды тосо бербей Кулансаракка бак аралап кире качып шумкарымды жоготуп кетпегей эле» – деп энсирейт. «Айланайын журт, мабу дөбөгө чыгып караан көбөйтүп олтуралы» – деп, көрүнөктүү дөбөгө көпчүлүктү баштап барып олтурат. Болуштун жана көөнү карал таппай: «Балдар, көзүңөр курч, каргадан кабар барбы, кайда кетти? Карагылачы» деген. Анда жаштар: «Каргалар Кулансаракты карап бет алып асмандап учуп, андан кайра күн батыш Бешик боозду көздөй бет алыптыр» дегенде, Көкүмбай болуштун кабагы ачылып: «А, бали, баатыр каргалардын алдынан чыгып тосуп алган экен да» – деп, көөнү карал таап тынчтанып жанындагы жигитинен жез чакчасын алып кагып-кагып жиберип, насыбайдан оозуна коюп: «Эми айланайындар, жакшы карап тургула, чай кайнамда жетип келет» – деп, сөз кызыгына түшкөн экен. Айткандай чай кайнамга жеткирбей шумкар күндүн бетин бербеген көп карганы айдап келип топтун үстүнө токтотуп коюп, улам бөлүнүп качканын тээп түшүрүп турган экен. Кара шумкардын эрекчелиги ал каргалардын үстүнө чыгып алып айланып, айланып туруп канчалык бөлүнсө бөлүнгөнүн тээп түшүрчү экен. Ошентип, чай кайнам убакыт ичинде жүздөн ашуун карганы тээп түшүрүптүр, Жердин бети карга менен толуптур. Мында Көкүмбай болуш «эми болду баатырды чакыр» дегенде бир жигит бир карганы шыйрагынан байлап булгалап чакырган экен. Шумкар калган каргаларды таштап түшүп келиптир. Келгенден соң, бир маалгача эс алалбай кыйлада эс алган экен. Бул дагы шумкардын бир эрекчелиги болуп ээсинен бейбуйруксуз иш көрбөй турганын жана акыл-эстүүлүгүн көрсөтөт. Шумкардын кыраандыгы, өтө айлакер акылдуулугу жөнүндө көргөндөр өтө таңданышкандыктан аны аңгемеге кошуп айтып жүрүп азыргача жеткирген экен.
Канатсыз шумкар
Илгери Беки деген бир мүнүшкөр канатсыз ителгиге каз алдырган экен. Муну ошол аймактын болушу Беккелди угуп, Бекини чакыртып: «Баатыр, сенде бир кыраан бар деп уктук. Алып келе калсаңыз, тамашасын көрсөк» деген. Анда Беки ителгисин алып келген экен. Көрсө, курумшудай купкуу, үшүк алган арпадай уйпаланган, анын үстүнө эки канатын жарым-жарым кыркып койгон бир жаныбар экен. Муну көргөн болуш жана болуштун жанжөкөрлөрү: «Көрчү, бул арамзааданы, бизден кызганып ителгини тартып алабы, алда эмне кылат деп ойлоп, канатын кыркып, жүнүн жулган тоок баштантып келгенин кара» – дешип: «Ой, акмак, бул эмне кылган кылыгың, эми кантип каз ала алсын? Каз алмак түгүл алган каздын өлүгүн алдына алып барып берсең да бул жүдөңкү ага да алы жеткидей эмес» – деп, мүнүшкөрдү сынга алышканда, ызага чыдабаган Беки Беккелди болушка: «Беккелди болуш, бир аз сабыр кылың, мени жүйөсүз ызалабаң, мунун көрүнүшү көркөмсүз болгон менен ителгинин ичинде шумкарга жете каба келе турган кумпай деген ушул. Кээ бир ителгилер бүркүт баатырдан сокку жеп калса, алар да кумпайды таап арыз-абалын айтып баштап келет да ал бүркүттөн кегин алып берет. Кумпайды көргөндө бүркүт баатыр тешик таппай корголоп калат. Эгер бүркүт кумпай менен эрегишип калса бүркүттү тээп таштап кете берет.
Канаттуулар ичинде жүрөктүү жана айлакерлик жагынан даңк чыгарган куу кумпай деген ушу. Эми «Менин канчалык эмгек сиңиргенимди көргүңөр келсе алды менен каздын калың жерине баралы. Ошол жайда сиздин талабыңыздан чыгалбай калса, мен сиздин алдыңызда жыгылыштуумун. Мойнум кыл менен байлануу» деген экен.
Беккелди болуш жүйөлүү сөзгө жыгылса да сыртында сыр билдирбей ичинде: «Капырай, бул кандай кеп? Кандай шумдук? Канаты жок ителгиге каз алдырам деген эмнеси, бир сынап көрөйүн, сөз жайынан чыкпай калса, анда сонунду көрсөтөйүн» – деп, жигит-жалаңын чаптыртып каздын калың жерин таптыртып, Беки мүнүшкөрдү Көңдөйдүн сазы дегенге баштап барган экен. Мүнүшкөр бир көмүскөдөн ителгисине каздардын караанын көрсөткөн замат ителги чычып жиберип, аста жерге түшүп, каздарды көздөй бет алып бирде секирип, бирде жөрмөлөп жүрүп каздарга жакын жетип барыптыр да, элөөсүз бир жайдан каздарга көрүнүп үрпөңдөп секирип койгондо, жаткан каздар каркылдап ордунан тура калышса ителги далбаңдап коркуп качкан экен. Ал эми каздардын ченинен бир чоңу ителгини көздөй мойнун жерге салып бакырып чуркап кууп жакындап келгенде, ителги кайта кайрылып казды тырпыратып баса калып, мойнун кыя чокуп, анан каздын канатынын астына кирип жатып калат. Муну менен жалпы каздар каркылдап ызы-чуу түшүп, жүгүрүп келишип, мүрүлөшүп бирин бири жөөлөшүп, тепкилешип кызыл кыргын, кара сүргүн болуп өлүп жаткан андан көп, канаты сынган мындан көп болуп, бир майдан кандуу кармашуу башталып, токтогондо карап тургандар жетип келишип, бу бир майдан каздардын катуу кармашуусун көрүп таңданышат. Аңгыча Беки мүнүшкөр: «Кел, баатыр» – деп үн салганда, ителги бир өлгөн каздын алдынан секирип чыгып ээсинин колуна конот. Муну өз көзү менен көргөн болуш жана болуштун жан-жөкөрлөрү, мүнүшкөр Бекинин ченемсиз кылдат мүнүшкөрлүгүн сөзсүз моюндашат. Беккелди болуш Бекиге карап: «Сиздин мүнүшкөрлүгүңүзгө ыракмат, Биз ыраазы болдук» – деп алдына ат тартып, үстүнө тон кийгизип, артыкча айыптаган сөзү үчүн жакшы күтүп узатып коёт.
Өз колум менен салган шумкар жөнүндө
Мен турмуштун татаалдыгынан 1945-жылы мектептен окуудан калып, үйдө тиричилик кылып, бир жагынан эгинчилик менен илешип, бир жагынан ата кесибим болгон куш кумарчылыкты улантып жүрдүм. Толук сабатым болгон үчүн Эсен шаңыяга катчы болуп калдым. Салган ителги, ылаачындарым кыраан чыгып жүрдү. Ителгилеримдин көбүндө кумпай же кара бүлө белгилери болуп чыккан жанды кетирбөөчү, муну менен мен дагы бала мүнүшкөр атыгып калдым.
1949-жылдары күз айлары эле. Кулансаракта Коңку уста деген жетимиш жаш чамасында бир кары саятчы адам болуп бул киши бир ителги кармагандыгын, ал ителгисинин кузгундай эле капкара экендигин угуп, аны барып бир көрүүгө өтө кызыктым. Барып көрсөм, ал ителги чынында айтканчалыгы бар экен. Муну көргөн соң алайын деп арга кылсам колдо жок, кандай айтуунун жолун таба албадым. Арга кеткенде Эсен шаңыяга барып ителги туурасында көргөндөрүмдү айтып, бул ителгинин илгери өткөн Көкүмбай болуштун кара шумкарынын журтунан экендигин түшүндүрүп, өзүмдүн алайын десем аксакалдын бекерге бербестигин, менин колумда жок экенин анын үстүнө мени баласынтып бербей коюшу мүмкүндүгүн, шаңыя алса эле өзүмдүн таптап көндүрүп береримди айтып, Эсен шаңыяны макулдатып кара шумкарды алдым.
Бул ителги чыныгы шумкар болуп, сырты көөдөй кара, кашка куйруктары бүтүндөй сыйдаң, боор жүнү кекилик бедер, өтө кооз куйрук, алды саңор жүнү бүтүндөй кызыл ача шекилдүү, тамга, башы чоң тумшуктуу, буту, колу жоон болуп олтурушу көрктүү, сымбаттуу, өтө тик олтурган, бир көргөн адам анын шумкарлыгын эрксиз моюндайт эле. Мен бул ителгини катуу кармашып таптап жыйырма беш күндөн отуз күн аралыгында жанга учурдум. Ал коён, кекилик, карга, сагызган катарлуу көзүнө көрүнгөндү кетирбей алды. Бир күнү он жети коён тээп аны менен калбай асманда бараткан каргадан бир канчаны тээп түшүрдү. Коёнду башка тепсе баш сөөгү мээси кошулуп атала болуп, эки чечекейи салаңдап калучу. Муну көргөндөр «тобо» деп жакасын кармашчу.
1950-жылы 4-айда Акчий оодандык геңенжүйдүн орун басарына челик (түндүк Шинжаңдан келген кыргыз) Өмүр начендик деген адам ителгинин кабарын угуп «алып келсин» деп киши жибериптир, алып келдим. «Бул эмне алат?» – деп сурап калды. Мен: «Коён, кекилик алат», – дедим. «Андай болсо салып көрөлү» – деп ээрчиди. Мен буларды баштап Кулансарактын үстүндөгү какырга чыктык. Бир паста үч коён алдык. Ар катым тепкен коёндордун каны чыкпай жан берди. Муну көргөн Өмүр начендик катуу таңданып, мен беш атар менен нечен коён аттым, кызылала кан болуп бакырыпөкүрүп анан жан берген. Бул бир шумдук экен го. Кан чыгарбай жан алганы жана башка жерге теппей башка тээп мээсин чачырата тепкени артык экен го деп катуу таңданып жакасын кармап, өтө кубанды. Айлыбызга аталган аксакалдар: «Илгери Көкүмбай болуштун кара шумкарынын кабарын уккан элек. Бул да ошол кара шумкардын журтунан экен» – деп таңданып жүрүштү. Мен алдында мурун кыйла ителги салган болсом дагы бул ителги аларга көп жактан окшобойт эле. Бири өтө ылдам учат эле, учканына көз илешпей калчу жана бири камчыдай тик чыгып, тик түшөт эле, чылбырдай эшилип чыгып, чалкасынан кетип оодарылып түшүп ар кандай жанды кетирбөчү. Дагы бири тапкөй эмес өтө жумшак, жоош учуруп койсок адамдарды ээрчип жүрө берчү. Муну көргөн адамдар өтө таңданып акыры көз тийдиби, эмне болду бутуна дулай чыгып, түрдүү аргаларды кылып көрсөк да өлүмү болбой өкүнтүп, өлүп калды. Ошондо кара шумкардан айрылганда кошкон кошогум бул эле:
Келбес жерге кетип калдың шумкарым, Кайран шумкар кадырыңа барбадым.
Какшап турам угарсыңбы арманым? Уктасам да көз алдыман кетпеди
Учурганда кандай жанды алганың.
Ал эми карапайым ителгилердин да алгырлары, жак шылары бар. Алар кумпай, кара бүлөө өңдүүлөрдөн турат. Булар шумкарларга жете каба барат. Кумпайдын белгилери: жон жүнү кубаңкы, бедерсиз, боор жүнү чет тарабы агыш, ортосу кара саргыл болот. Кээ бирлери терек жалбырак келет. Куйругу негизинен бедерсиз, кээлери кашка, куйругу бедерсиз, алды күдүңүрөөк бедерлүү, боор жүнү бозумтук бедерлүү, куйруктун алды саңоорунда чекит-чекит бедери бар.
Куйруктун учу тикендешкен катуу, буту, колу жоон, тепкүүрү ашкере катуу болот. Өтө кайраттуу берендердин бири эсептелет.
Кара бүлөө бул да ителгинин кыраандарынын бир түрү болуп белгилери жон жүнү кара көк бедерсиз, боор жүнү бозомтук карала чаар көрүнөт. Куйруктары негизинен сыйдаң. Буту, колу жана башка мүчөлөрү кумпай менен окшош толмочураак көрүнөт.
Куу кумпай же кара бүлөөлөр өтө каарлуу алгыр эчтекеден тайбас болуп, келгин убагында каргаларды кан какшаткан түрү бар. Ушулардын журтунан ал тургай ачуусуна тийсе бүркүттөрдү да далбырата тээп таштайт.
«Кыргый кыпты кандырат» – деп, кыргый жөнүндө да токтолом.
Бетейдин бети жогу
Мындан бир кылым илгери кыргыйдан Бетейдин бети жок деген алгыр чыккан экен.
Бетей аттуу мүнүшкөр кыргыйына жагоо тагып өтө кылдаттык менен көндүрүп, машыктырып шаңдуу салтанат менен алып жүргөн экен. Бетейдин кыргыйы кекилик, чил, бөдөнө, кептерлерди кетирбей илип түшкөн. Мунун даңкын уккан журт жакшылары Бетейдин кыргыйынын тамашасын көргөнү чыгып бир кузгунга учурап калган. Анда бирөө Бетейге «Бетей баатыр, мүнүшкөрлүүлүгүңө кол коёбуз, кана, кыргыйыңыз мобу кузгунду ала алабы, учуруп көрүң» деген. Анда Бетей тайманбай кыргыйын жеңине катып жагоодон басып кузгунга жакын барыбыраак шилтеп жиберген.
Кыргый капысынан барып кузгунду учурбай моюндан алып тартып түшкөн. Ошондон соң «Бетейдин бети жогу» деген ат калган. Кыргый кузгун алыптыр дегенге анда да адамдардын ишенгиси келбейт.
Бирок кыргыйдын кузгун алышы өтө кыраандыгынан болсо да кыргыйды таптаган мүнүшкөрдүн кылдаттык менен кыргыйдын табын таап кыргыйды куштан кыямын техника жактан туура мелчөрлей алышынын өтө чеберлигин билдирет. Ошол учурда Жаныбек аттуу бир болуш келин алар болуп кыз атасы Бетейдин бети жогун алып берсин деп арачы салган. Жаныбек болуш Бетейдин бети жогун көп кадыр-колко менен кыз атасына алып берген экен. Ошентип, ал кыргый кыз калыңынын алгалуу жерине жараган имиш.
Турумтай
«Турумтай көздү талдырат» – бул ырас, калетсиз чындык. Мен баштооч мектепте окуп жүргөнүмдө турумтайдын балапанын уядан алып багып таптап салып ойноп жүрдүм. Турумтайым бара-бара кыраан чыкты. Таранчы, кучкач, борбаш чымчык, торгой, чакчыгай алгандан башка табы келгенде бөдөнө, чилдерди да алып жүрдү.
Бир ирет жолдошторум менен кечкурун салганы алып чыксам торгойлорду кубалап, түндүктөн үйдүн ичине кирип алды. Чакчыгайды кубалап көргөн да, кирип алып чыккан учурлар да болду. Мындай кызыктарды айта берсе көп жомок.
Турумтайды жакшы машыктырса өз алдына өзгөчөлүгү кызыктуу тамашасы өтө көп. Балалык доорлордо нечен ирет шамга чукул салганда өзүңүздөн мурун үйгө келип олтуруп калганын көрөсүз. Негизинен бул кичик балдарга ылайык эптүү куш. Ал суукка байымдуу, ачка, токко чыдамдуу кыргыйдан жаны чоңураак, ителгинин жээ тайына окшош белгилери бар.
Турумтай куштун тунугу,
Кыргый куштун кыйыны.
Алгырлыгы келгенде Ар экөө куштун илгири.
Турумтай салдым башында, Так он эки жашымда. Кыргыйга кыргоол алдырмак, Кыйын турат азыр да.
Балалык сенин дооруңду, Баштан аяк сүргөмүн. Турумтайга ал кезде, Кыз күйгөндөй күйгөмүн.
Окурмандар ойлонсун, Узартыш эми кыйын да. Урматтуу кайран балалык, Ушундай өткөн чынында.
Жаздым кыйла эске алып, Жагалмай сындуу балалык. Тулпар минип куусак да,
Эми бир кайдан табалык.
Бүркүт
Бүркүт канаттуулар ичинде өзүнүн чоңдугу, көркөм дүгү, кайраттуу баатырдыгы менен көпкө таанымал. Ал өтө кыраан, өтө учкур, өтө залим, өтө өжөр. Тактап айтканда, өтө чыдамдуу жана өтө сүрдүү, өтө каардуу. Томогосун алганда карап турган ар кандай адамдар эриксиз жазгана түшөт. Бул жөнүндө төмөндөгү эл оозунда айтылып жүргөн ырга кулак салгыла:
Кара барчын бүркүттүн, Канаттары далдагай. Ал өңдөнгөн чиркиндин, Оозу, мурду далбагай.
Томогосун алганда,
Туура тарткан кулжадай.
Кайраты чоң кырааны, Карышкырды алгыдай.
Туйгун куштун тунугу, Бүркүт сындуу улугу.
Канаттуунун баарынан,
Кыргый жакшы кылыгы.
Тепмейинче албаган,
Ылаачындын ырымы.
Абаласа асманда,
Шумкарлар куштун кыйыны.
Жогоркулар канаттуулардын, айрыкча бүркүттүн кымбаты жөнүндө айтылып келе жаткан сырлары.
Бүркүттүн түрлөргө айрылышы
Бүркүт жөнүндөгү илгертен калган уламыштарга, ошондой эле өз көзүбүз менен көргөн, уккан жана бирге куштаган чыныгы абалдарга негизделгенде, бүркүт жети чоң тайпага бөлүнүп, аны жана өз ичинде кырк бир урууг а (түргө) айрууга болот деп айтылып келген. Бирок менин таамай уккандарыма жана амалияттан өткөргөнүм, өз колум менен куштаган абалдарга негизделип, кыраандар тобун көпчүлүктүн пайдаланышына оңтойлуу болсун үчүн аларды төмөндөгүдөй эскердим:
Кумар жайнак,
Төөгөз молор (Төө көз молор)
Калдыркан ала муз мурут
Жети суудан жем жеген желбегей сыргак
Баш сыргак (Көңүлү сыргак деп да айтылат)
Канат сыргак (Кыл сыргак)
Аяк сыргак (Тырмак сыргак)
Көк камчы берен
Даңдуңдун тешик таманы
Ак карлуу тоонун тынары
Оролмо тоонун ак ийни
Сары эжий
Уйгак сары
Чөлдүн чөйчөктөй сары
Сагызган ийин жап канат
Кууболду коңур
Канжыгалуу кара сеңсел
Айдама кара
Майпоз
Жанпоз
Келтепоз
Үңкүр кабак үңгү аяк,
Үчала
Үкү жүндүү сарала,
Карга жүндүү карала,
Быксык
Шоонадай
Ак кепин
Кара көмөкөй (Карачык)
Кадыр түн
Майчегир
Байчегир
Куучегир
Такырчегир.
Жогоркулар кыраандар тобунда бар куштардан турат. Ал эми андан бөлөк аты бүркүт жан багарлар төмөнк үлөрдөн турат. Жору куйрук жоон бок, Нескара (бул тас карадан жалгашкан, тарпты көрсө кармашкан) неме. Сөзбоскара (жүрөгү тайкы, төшү кууш шөлбүрөңкү) жана ийрикара бака баш өңдүүлөр болуп алар ээсин жаманатты кылгандан башка керекке келбей тургандардан турат.
Жогорку түргө айрылган бүркүттүн кыраандар тобундагы отуз беш уруусунун кыраандык белгилери жана көрүнүктүү эрекчелиги жөнүндө бир бирлеп токтоло кетебиз.
Кумар жайнак
Кумар жайнактын көрүнүшү өтө сүрдүү, олтурушу көркөм, башы кичик, көзү кызыл, чатырап жайнап турган каңшарлуу, жүнү кызылга жакын, далылуу, мүчө качасы келишкен, буту-колу жоон, сөөк курулмасы өтө терең, кайраты артык айтылуу берендерден болгон.
Мындан бир жарым кылым илгери Катуубакытта Какшаалдан Карымшак аттуу бир мүнүшкөр чыгып жалгыз атчан, жалгыз тон, Аксайда түлкү көп деп угуп бүркүт салганы Аксайга барып калат. Барышы менен күн бүркөлүп, кар түшүп сонор болот. Аңгыча Атбашы, Аксай тараптан отуздай бүркүтү бар адамдар келип чогулушат. Ал-абал сурашып каршы жактан келген отуз атчан мүнүшкөр тобунун башчысы Бекназар болуш экендиги, анын Катуубакыттан келген жалгыз атчан мүнүш көр лөрдүн таанышмакчы болгонун, мүнүшкөрдүн ал-абалын сурап таанышмакчы болгондугу айтылат. Катуубакыттан барган мүнүшкөр Аксайда түлкү көп деп угуп бүркүт салып келип калгандыгын билдирет.
Бекназар болуш: «Андай болсо мүнүшкөрлөрүм, жакшы болуптур. Мабу алдыбыздагы Чаткалда калтар бар, биз аны алдырганы келдик, ушул бүркүт көтөргөн жигиттер жалаң мага таандык. Азыр түлкү кагылат, сен да бир жерди тос» – деп бүркүтчүлөрдү, өйүз-бүйүзгө бөлүп, өзү бир топ бүркүтчү менен жылганын башын тосуп калат. Аңгыча какмачылар жылганын чаты өйдө келип калат.
Карымшак да түлкү өтө турган ач мойнокту акмалап көмүскөдө турса, калтар качты деген кыйкырык чыгат. Бүркүтчүлөр ызы-чуу кыйкырыкка аралаш бүркүттөрүн учурат. Каргадай учкан көп бүркүт калтарга түшө албай калтаарып ал өйүз, бул өйүзгө барып конуп калышат.
Карымшак баатыр ач мойнокту тосуп олтурса калтар камаарабай бир басып, эки басып куйрукту жамбашка алып чыга келет. Дал батакай маңдайына келгенде жыргоолду тиштеп камынып турган мүнүшкөр айт дегиче томогосун тартып бүркүтүн коё берет. Кыраан калтарды кымтый кармап олтура калат. Карымшак мүнүшкөр калтарды жиреп жиберип бүркүтүнө ысык эттен жегизип жатканда Бекназар болуш жигиттерин ээрчитип келе калат да: «Ээ, калтарды алдырдыңызбы?» Карымшак: «Алдырдым». Бекназар: «Ой, баатыр, байлансын, байлансын, шыралга». Карымшак: «Болсун баатыр, болсун. Баатыр, бүгүн ар канча болсо жол сиздики» – деп, калтарды аяк-башынан силкип, болуштун канжыгасына чалып койгон экен.
Болуш кош болуп кетип: «Рахмат! Байланалы, бүркүтүңөр кыраан көрүнөт. Биз менен бирге барып, бир мезгил бүркүт салып тамаша кылып кайтың» – деп айтат.
Катуубакыттык мүнүшкөр «барса барайын» деп, болушту ээрчип, жигит-жалаң менен баратып атынын башын тартып туруп калат. Болуш: «Ой, баатыр, эмне болдуңуз, бастырың» дегенде, кичине бастыра түшүп туруп калат. Болуш кайрылып: «Ой, баатыр, эмне болдуңуз, ич ооруңуз бар беле, бир жериңиз ооруп жатабы» – деп сурап калат. Катуубакыттык мүнүшкөр: «Ооруган жерим деле жок, мына бул алдыбызда айыл барбы? Бир беренди (бүркүттү демекчи) кармап алган экен, арчанын түбүнө кыл чылбыр менен мойнунан сыйрытмактап байлап коюптур. Ал арманын айтып атпайбы» деген экен.
Анда болуш аң-таң калып, алдындагы айылга түшүптүр. Алар чай ичип тышка чыккан соң Карымшак мүнүшкөр болушту чакырып: «Баатыр, көрдүңүзбү, тиги бүркүттү?! Жанагы арманын айткан берен ушул» – деп көрсөтүптүр. Болуш көрсөткөн жакты караса, алды жак боордо арчанын түбүндө бир бүркүт олтурган. Ал айылдагылардан бул эмне бүркүт? – деп сураганда бүркүттү кармагандар: «Ой, бул кара мээнет, мурда күнү бир туу калган бээни жарып жептир. Кармап алып өлсүн деп мойнуна кыл чылбыр менен сыйыртмак салып байлап койгон элек» дешиптир. Анда Катуубакыттык мүнүшкөр болушка кайрылып: «Баатыр, бүркүт салгыңыз болсо, ушул бүркүттү алып салыңыз. Отуз бүркүт чогулуп тигинин алганын ала албайт» деген экен.
Болуш: «Болот баатыр, алса алайын» дегенде мүнүшкөр сөзүн кайталап: «Алсаңыз наркына жетип алыңыз» – дейт. Болуш бир жигитинин атын бүркүтү менен таштап берет. Бүркүттү кармаган жигит: «Баатыр, сизге керек болсо шүк ала бериңиз. Биз эч нерсе албай эле беребиз. Бүркүттү кыйнап өлтүрмөк элек» – дейт. Карымшак мүнүшкөр болушка карап: «Баатыр, тиги бүркүттүн куну, тиги берген нерсе менен бүтпөйт. Ырас, алуу нээтиңиз болсо наркы баасына жетип алыңыз» – деп кеңеш берет. Болуш ойлонуп тура кетип: «Бир айгыр үйүр жылкы берейин» – дейт. Мүнүшкөр унчукпайт. Ошентип, Бекназар болуш бүркүттү алып жүрүп кетет. Үйгө барган соң болуш Карымшак мүнүшкөрдөн: «Ээ, баатыр, бүркүттү го алып келдиң. Эми эмне кылабыз» – деп сурайт. Анда мүнүшкөр: «Эми өз айлыңызда болбосо, жалпы аймагыбызда жети жыл туу калган, ал табылбаса үч жыл туу калган бээден бирди таптырып келиң» – дейт. Болуш эки-үч күн издетип, жети жыл туу калган бээ табалбай, үч жыл туу калган бээден бирди таптырып келет.
Мүнүшкөр Карымшак бул бээни карап туруп сойдуруп, бир чымчым этин да талаага чыгартпайт. Такыр алдырып, бээнин эти түгөнгөн соң кайта таптайт. Болуш мүнүшкөргө кеп да кылбайт. Карымшак бардык ишин коюп үч ай токсон күн бул бүркүттү таптап бир жерге алып барат.
Күндөрдүн биринде Бекназар болуштун бир жигити кабарга келип: «Баатыр, Кула айгырдын үйүрүн калтырбай карышкыр кырып кетиптир» – дейт. Болуш ашыгып Карымшак мүнүшкөрдүн үстүнө кирип: «Баатыр, бүркүтүңүз табына келдиби? Абалы кандай, бир айгыр үйрү жылкыны бөрү кырып кетиптир» дегенде, Карымшак баатыр туруп кетип: «Кайыр, үч күндүк табы калды эле, мейли баралы» – деп жооп берет.
Болуш өзү баш болуп, жигиттерин жалпы бирдей ээрчитип Карымшакка бүркүтүн көтөртүп, карышкыр өрдөгөн жылганын башына барып турат. Аягынан какмачылар барганда бөрүлөр бөксө менен качып жөнөйт. Кетти, качты деген кыйкырык сүрөөн угулганда, Карымшак мүнүшкөр бүркүттүн томогосун тартат. Бүркүт шалак этип теминип түшөт. Мүнүшкөр кайта жандырып алат. Экинчи ирет жана теминет. Жана жандырып алат. Болуш чыдабай кетип: «Ой, баатыр коё бербейсиңби» – деп бакырып иет. Аңгыча бүркүт үч теминип, үч колго кайтарылат. Төртүнчү ирет темингенде мүнүшкөр коё берет. Бүркүт куркурап бийиктен бөрү бар жылгага бир нече ирет каардуу октой шуңгуп кирип, чалкалап атып чыгып бир дөбөгө барып олтуруп калат. Болуш баштуу жигит-жалаңдары жетип барып караса, тогуз бөрү тоңкоюп жатканын көрөт. Болуш кубангандан кубанып: «Бали, баатыр, мүнүшкөрлүгүңө баракелди» деген сөздөн башканы айта албай калат.
Үйгө кайтып барган соң, сыйлуу олтурушкандан кийин, болуш Карымшак баатырдан сырлуу иштерди сурап калат: «Оо, баатыр, туу калган бээни эмне үчүн союп бердиңиз?»
«Бул берен, бир бээ үчүн колго түшкөн соң адамдардан аябагандай ыза-кордук көргөндүктөн, кыл чылбырда сыйыртмак салып өлүп калганы аз калган. Ал адамдардан көргөн ыза, кордугун өлгөнчө унутпайт. Андыктан, адамдарга оңойлук менен баш ийбейт. Ошого анын көөнүнөн кордуктун изи көтөрүлсүн үчүн жана жемекчи болгон соң туу калган бээнин эти болсо, ага болгон талгагы кансын үчүн туу калган бээни союп, бир чымчым этин да бекер кетирбей баарысын бүркүткө бердим. Үч жыл эмес, жети жыл туу калган бээ табылган болсо андан да жакшы болор эле».
«Ал эми темингенде коё бербей үч ирет жандырып алдыңыз. Мунун маңызы эмне?»
«Боо бошотуп ханга кушташка үч күндүк табы бар эле. Алдыратып калгандыгыңыздан ага эч кандай арга болбоду. Үч ирет темингенде үч ирет кайтарып алуу менен бүркүт каарына катуу келди да үч күндүк табы даяр болду. Антпегенде алгачкы темингенде коё берсек, бөрүдөн экини же үчтү алып тынат эле. Кайта-кайта жандырып алуу аркылуу табы толуктангандыктан тогуз бөрүнүн баарын жарып жиберди. Муну уккан болуш Карымшак баатырдын чыныгы мүнүшкөрлүгүн көрүп туруп өтө ыраазы болуп кубангандыктан короосу менен кой, үйүрү менен жылкы берип жөнөтүп койгон экен.
Карымшак баатыр Катуубакыт Какшаалга кайтар алдында болушка: «Эми баатыр, сизге көп ыракмат. Жалгыз атчан жалаң тон келген элем. Үйлүү, жайлуу, мал-пулдуу кылып кайтардыңыз. Колуңуздагы бүркүт бул кумар жайнак деген ушул. Бул атактуу берендердин бири. Үч жылгача кандай таптап салсаңыз ага тап кетпейт, ала берет. Үч жылдан кийин качат. Качкан соң башка жерден издеп убара тартпай, Алайдын айланманын ак зоосунан барып, ошол жайдан кабар алың. Сиз менен бир учурашып андан кайып болот» деген экен.
Карымшак баатыр айткандай болуш кумар жайнакты үч жыл салат. Кабылган жанды калтырбай алат. Акыркы жылы аркар, кулжа аралаш бир канчасына учурат. Мындан бир нечесин алып, акыры көккө көтөрүлүп көздөн кайып болот.
Бекназар болуш Карымшак мүнүшкөрдүн айтканындай бир жигитин ээрчитип, бир бээни жетелеп Алайдын айланмасынын ак зоосун издеп барат. Акмалап жүрсө асмандан бир бүркүт көрүнөт. «Тетиги айланып турган бүркүт болду-болбоду менин кумар жайнагыма окшойт экен» – деп кыйкырып айлана чаап үн салганда ал бүркүт эңкейип келе түшүп, кайта айланып асманга көтөрүлөт.
Болуш бээни мууздатып, ичин жарып четке чыгып карап турса, асмандан эки бүркүт айланып келип, бир бүркүттү жана бири зордуктап бээнин үстүнө кондуруп коюп, обого көтөрүлүп шаңшып айланып турган экен. Бекназар болуш бүркүттү барып кармагандан кийин алыстан айланып көккө чыгып көздөн кайып болгон имиш.
Байыркы аңыздарга негизделгендей кумар жайнак айдама каданы айдап келип болушка берип коштошкон имиш.
Төө көз молор
Төө көз молор төө комдоп салса болор. Бүркүттүн белгилери: башы кичик, тумшугу каңшарлуу, көзү кызыл, жүнү кызылга жакын, сырткы түгү тармалдашкан, өзү шаңдуу, канат, куйругу узун. Комдолуу төөдөй, каары катуу балбан эки ийнинде кошумча темене канат белгиси бар айтылуу кыраандардан.
Жогорку белгилерге негизделгендей бул түрдөгү бүркүттөн бирди, мындан жарым кылым илгери (1932) Акчий оодан, Кара-Булак айлы, Меркеч кыштагынан Абдырешит Бакал Карабулактын Акүңкүр Данги деген жеринен бир балапанды уядан алган. Анда жогорку белгилер болгон. Аны көргөндөр анын артыкчылыктары жөнүндө эрекче бааларын берген. Бул абалды уккан ошол учурдагы атактуу мүнүшкөр Байбектин Турдакуну бүркүттү сынга толтуруп өзүнүн бир жерлиги Арзы Аалыбайдын уулун: «Балам, бүркүт салайын десең Карабулак айлы, Меркеч кыштагындагы Абдырешит Бакалдын балапаны быйыл бозум болду, ошол бүркүттү алып кел» деген. Ошол кеңеш менен Арзы Аалыбай уулу ал бүркүттү жыйырма беш ирик, бир ат, он сээр теңгеге сатып алган. 1933–1938-жылдарга туура келет. Кийинки жылдары ал бүркүт алган сайын өөрчүгөн. Ууга чыкканда бир жигит эки төөнү комдоп кошо ала жүргөн. Ар күнү күнүнө албады дегенде үчтөн бешкече жейрен алган.
Ошентип, бүркүттү төрт жыл көтөрүп, бирден Ала байтал сызган деген жерге салбуурунга барып отуз күндө сексен тогуз жейрен, бир сүлөөсүн, он бир түлкү алдырган.
Бул бүркүттүн жан алуудагы аргасы өтө башкача болуп, бир ирет топ качкан жейренден экини серпип көтөрүп таштап белин сындырып, үчүнчү жейренди басып олтурган. Бара-бара бир күндө бештен жетигече жан ала турган болгон. Акыры бул бүркүт ооруп өлгөн.
Ээси Арзы Аалыбай бүркүтү өлгөндө арманын айтып ырга кошкон:
Сынчы аладан кеп угуп, Атаман кыйла жеме угуп. Абдырешиттин бүркүтүн, Төө көз молор деп угуп.
Алдым эле таңданып, Алда канча зарланып. Алганыма жарашса, Кыраан чыктың шаңданып.
Талабыма мен жетип, Тамашаңа канганмын.
Төөнү комдоп жетелеп, Төрт жылы удаа салгамын.
Бир топ качкан жейренден, Үчтөн артык алганың.
Ала байтал сызганды, Аралап далай барганың.
Ажалың жетип өлгөндө, Арманым айтып зарладым. Уктабай таңды аттырып, Узунга кылдым арманың.
Карыңардан кеп уктум,
Кайберендин каргышы, Жаман болот деп уктум.
Улуулардан кеп уктум,
Уулаган жандын каргышы, Ушуну кылат деп уктум.
Албады деген күндөрдө, Үчтү деги алчу элең.
Кезеги келген күндөрдө, Жетиге чапчып барчу элең.
Өлөрүңдүн себеби, Шилтегенден жанбадың. Алдыңан чыккан жандарды, Анча эле кур кылбадың.
Көзү жаман бирөөнүн, Көзү тийип кеткенби? Тили жаман бирөөнүн, Тили тийип кеткенби? Же болбосо молорум, Чын ажалың жеткенби?
Айланайын молорум, Билбедим кандай болорун.
Каргышка кетип сен өлүп, Мен какшап боздоп ыйладым.
Берендигиң белгисиз,
Же мал-баранга жутунбай, Балдарга деги тийбеген, Ырыстуунун кушундай.
Кубандырдың адамды, Жооштугуң башкача.
Олтурат элең кенебей, Томогоң алып таштаса.
Молорум сенин баркыңа, Жетпегеним байкадым. Келбейсиң колго экинчи, Кайсы дартым айтайын.
Калдыркан аламуз мурут
Калдыркан ала муз мурут кабагынан кар жааган, көзү нар жагында кайнаган, канат-куйругу өтө катуу, негизги жүнү калың, суукка байымдуу бүркүттөрдөн болуп, ал айтылуу кыраандардан.
Төө көз молор, даңдуңдун тешик таманы өңдүүлөр менен бир катарда турган анын бир эрекчелиги, мурундун көңөсүндө өтө катуу кылдары (түктөрү) болуп тумшукту жаап тургандыгынан муз мурут аталган.
Калдыркан ала муз мурут, Кайраты артык беренден. Көрүнүп турат кыраандык, Мурунда тешик көңөдөн.
Муз тоонун башын жердеген, Ала-Тоонун кырааны. Кумар жайнак молордон, Кем көрүнбөйт сыягы.
Айтышканы тоо теке, Аскалуу зоонун арасы.
Чилдеде тукум чайкаган,
Баш кыраан экен чамасы.
ЖЕТИ-СУУДАН ЖЕМ ЖЕГЕН ЖЕЛБЕГЕЙ
Сыргак
Желбегей сыргак, жөнөкөйдө канаттарын жыйбай салып олтурат. Мейли туурда же ууга чыкканда болсун ар эки канатын таштап коюп ошол үчүн желбегей чапан жамынган сыяктуу түрүнө карап желбегей сыргак аталган.
Бул бүркүт ууга чыгып жанга учканда өтө катуу, ылдам учат. Башка бүркүттөрдөн көп кийин коюп берилсе да алдыга озуп кетет. Жүнү кызылга жакын, көзү да кызыл, өзү чоң, сөөк курулмасы башка бүркүттөргө караганда өтө көркөмдүү кыраандардан болуп, алып тойбос, жеп тойбос. Мүнөзүнө карай Жетисуудан жем жеген желбегей сыргак аталган. Желбегей сыргактан бирди Акчий оодан Кулансарак айлынан Жусуп Токтогочу уулу тоодо йонун кара талаанын илмегинен кармап алып, барчынын экиүч түлөгөнгө чейин салган. Бирок ал адам бул бүркүттүн кадыр кымбатына жете албай башкаларга берип койгон. Натыйжада, үй-бүлөсүндө баштан, малдан зыян болгон.
Жесир абышка арман кылып какшап жүрөт. Кийинче чыдай албай бүркүтүн Назардан жандырып алат. Кийин күйө уулу Ысмайылга берет. Ал бүркүт күйө уулунун колунда 1962-жылы жыйырма сегиз жыл жашап өлөт.
Баш сыргак (көңөлү сыргак)
Баш сыргак көңөлү сыргак деп да аталат. Бул түрдөгү бүркүттүн тумшугуна түшкөн кобул белги болот. Же көңдөйдөн ылдый жырат. Уккан кабарда жырган жерден кээлеринин тили көрүнүп турар имиш. Кабагы калың, кыраандыгын башынан белгилөөгө болот.
Канат Сыргак
Канат сыргак кыл сыргак деп да аталат. Көп жакта чоң чалгындарга жанаша салган жарыпсыз түтүкчө, же болбосо чалгынга окшош жарпы жука кош канат чыгарганда көрдүк.
Кээлер куйрукка жандаштырса, кыл куйрук өңдүү белгилери болот. Мына булар канат сыргак делет. Бул өңдүү бүркүттөрдү коштоп өткөн адамдар көп санды ээлешет.
Аяк Сыргак
Бул түрдөгү бүркүттөрдүн тырмактарында кобулу бар. Же бүтүн тырмактары байкагандарга элөөсүз кан көрүнөт. Бул бүркүттү мүнүшкөрлөр аң жолу ачык айтылуу берендердин бири дешет.
Көк камчы берен
Көк камчы берен кыраан бүркүттөр ичинде алдыңкы катарда турат. Ал өтө кайраттуу, шамдагай жана балбан.
Байыртан айтылып жүргөн сөздөргө караганда мындан бир жарым кылым илгери кыргыздан чыккан атактуу сынчы Овалым асманда учуп бараткан бүркүткө карап: «Эй, адам, карагыла, бул көк камчы берен экен го, ата, кап, жеке чабыт кезинде эликке тием деп көзүнө табылгынын кыйгагы кирип, сол көзү сокур болгон экен. Оң жагы менен айланып калган турбайбы» деген экен.
Бүркүттөр негизинен оң канатын басып айланбайт имиш.
Көк камчы берендин көзү нары жактан кайнаган, кээлери кызыл, кээлери сары жана кээлери көпкөк иримге окшош көрүнөр имиш.
Кабагы калың, канат, куйругу түз, бийиктен кайчыланган, кээлеринде жонунан төмөнгө түшкөн көк түтүкчө учунда жүндөн бапиги болот экен. Жогорку белгилерине негизделип көк камчы деп аталган.
Даңдуңдун тешик таманы
Окумуштуулардын сөздөрүнө негизделгенде даңдуңбаш бийик тоо жана аска-зоолуу район болуп ал жерде өскөн бүркүттөр ошол жерге ылайыкташкан. Өтө каарлуу чоң баатыр, суукка чыдамдуу болот экен.
Жүнү кызылга жакын, кызыл көз, кыраандары тешик таман болушу табигый иш болуп, алар бүркүттөрдүн бир тайпасы деп айтылат.
Ак карлуу тоонун тынары
Бул бүркүт айтылуу берендердин бири. Дене түзүлүшү өтө көркөм. Суук жерде жашаган үчүн жүнү калың. Кабагы жарык. Кашка баш, тумшугу жука. Көзү сүттөй ак, өзү тегерек сымал келген ак пейил бүркүт болуп Какшаалда өз кезинде кыйлалар муну куштаганы айтылат.
Оролмо тоонун ак ийни
Оролмо тоонун ак ийни жүндөрү сарала. Бирок жерлиги ак, көзү дагы сүттөй ак. Калың кабактуу. Буту-колу жумур, боолугу кыска. Тапкөй эмес. Эки ийнинде топ-топ ак жүнү бар бүркүт болгондуктан оролмо тоонун ак ийни деп аталган.
Ал эми кээ бир бүркүттөрдүн да ийининде ак жүнү болот. Бирок мындай бүркүттөр байлооч же жөнөкөй ак ийиндүүлөр болуп, анча өлчөмгө тоошпойт. Анын кыраандыгы анык болуп, ийни ырас ак болсо, анда ал оролмо тоонун ак ийни болот.
Сары эжий
Сары эжий башы кичик, көзү чекир, сырткы көрүнүшү кичик, жүнү тайыз, ыраңы сарыга жакын бүркүт болуп, сөөгү жумур, мүчөлүү берендерден болгон.
Уккан кабарда мындан бир жарым кылым илгери кыргыздан чоң Кыдыр деген баш болуп, чогулуш куруп олтурса, сынчы Овалим асманда учуп бараткан бир бүркүттү карап: «Ата, кап, ал тиги бараткан бүркүт сары эжий беренден турбайбы. Аны мен кармап келем» – деп чоң Кыдырга айтып жети күндүк мөөнөт алып, үч күндө Тосордон кармап келген экен.
Аны бир жигитке көтөртүп койсо, чоң Кыдыр көрүп:
«Ээ, кармап келген бүркүтүң ушулбу, Валим» – деп сураганда, Овалим: «Ооба, ушул» – деп жооп бергенде чоң Кыдыр жана: «Кандай бүркүт экен?» – деп кайрылган. «Оо, кармаганым бүркүттөрдүн сары эжийи, жакшы бүркүт. Жакшы таптап, жакшы көтөрсө көзүнө көрүнгөндү алат. Бир учканда үчтөн ашырып бир канчаны жарат. Анткени бул бүркүттүн жармасы өзү кичик көрүнгөн менен айлакерлиги артык» – деп Овалим жооп берет. Анда жана чоң Кыдыр: «Оргочордун кара калтарын алалабы? Канча күн таптап алдырасың?» – деп күлүмсүрөп, көзүн кысып койгондо, Овалим: «Кырк күн таптап учурам, Оргочордун кара калтарын сизге байлаймын го» – дейт. Чоң Кыдыр: «Кой, Валим, өтө мактанат экенсиң. Кырк күндө кандай алдырасың, алдыра албайсың го» – деп коёт. Анда Овалим кырк күндө алдырууга мелжешем деп бекем туруп, экөө мелжешет. Туура кырк күн болгондо айтканындай Оргочордун кара калтарын алдырып, Овалим чоң Кыдырга байлаган экен.
Сары эжий бозумунда колго түшөт. Овалим өзү төрт түлөтүп салган соң сынчы Найманга берет. Найман кырк түлөтүп салып, аягында тукумсуз өтпөсүн деп өз ыраазылыгы менен жакшы багып агытып жиберет.
Агыткан соң анын кайра экинчи Найман менен коштошкону тарыхта айтылып калган.
Сары эжийге учса кыраан жетпеген, Бир топ жандан бирөө тирүү кетпеген.
Кырк түлөтүп Найман өзү салган дейт, Бирди алса бешти жарып көз алдына беттеген.
Сары эжийдей кыраан болсо бүркүтүң, Алып учса аскалуу зоо түлкүсүн.
Адамзаттан чыккан мерез унчукпас,
Бир сырлуунун чыгарат ко күлкүсүн.
Уйгак сары
Жүнү уйпалыңкы, көзү сары чекир, сары эжий менен уялаш кыраандардан болуп, уйгак сарыны илгери көлдөн Наамат деген киши кармап салгандыгы айтылат.
Наамат уйгак сарыны төтө карышкыр алдырууга таптайт. Анткени жазы карагайдын тескейинен жети карышкыр чыгып, малга тийип көптөгөн зыяндарды салат. Төтө тапталган бүркүт мына ушул карышкырлардын бирин да калтырбай алат. Кыскасы, уйгак сарынын дене курулушу негизинен сары эжий менен окшош болгон баалуу кыраандардын бири болот.
Чөлдүн чөйчөктөй сарысы
Чөлдүн чөйчөктөй сарысы бөксөдө туулуп өскөн, ысыксуукка окшош эле чыдамдуу, жүндөрү куба-сары жана тайымсыраак, как аяк, арыштуу, тегерек бүркүттөн болуп, түз жерлерде жейренди жетип ала турган сокмоктуу кыраандардан эле.
Мындан элүү жыл илгери Акчий оодан Сапарбай айлы, Матан кыштагынын Келпин оодан жагындагы жол бети, аягы Кептеш деген жерден ырчы Асанакун деген адам уядан бир бүркүт алып таптап салган. Бүркүт өтө кыраан чыгып табы келишпесе да кабылган жейрендерди калтырбай алган. Мына ошол бүркүт чөлдүн чөйчөктөй сарысынын журтунан болгон.
(Э с к е р ү ү: Асанакун ырчы азыр сексен үч жашта болуп, өз оозу менен ырдаган. Ал аксакал азыр да батакай маңдайлашсам текени атып алам деп жүрөт.)
Сагызган ийин жап канат
Сагызган ийин жап канат кыраандар түрүнө кирет. Бул бүркүт ничке, узунчак болуп, канаты бөдөнө канат, куйругу узун. Ийнинде айрым темене канат шекили бар болуп, ийнин басып турат. Ошого жап канат аталган.
Жүнү орточо, өтө жүндүү эмес. Табы жумшак. Мүнүшкөрү жарашса ар кандай чакта түлкүнү колдон кетирбейт.
Кобулдуу коңур
Кобулдуу коңур кыраандар тобунда өтө дайындуу аталып келген бүркүт. Башы кичик, кабактуу, көзү чекир, мүчөсү толук, далылуу. Жүнү коңур, жүндүн учтары гүлгө окшош кооз кобул чыгарган. Бул бүркүттөн менин колумда азыр бирөө бар.
Азаттыктын алдында Акчий ооданынын Кызылкүмбөз кыштагынан Мамбетаалы Калча деген Кызылкүмбөздүн Тегерексаз кыштагынын башы кыр жолдун кырчак ташынан ушул бүркүттү уядан алып салган. Ал өтө алгыр, кыраан чыккан. Ага ошол кезектеги атактуу мүнүшкөрлөр коңур деген атты койгон. Калча Мамбетаалынын өзү да саяпкер жана катуу мүнүшкөр болгон.
Айтарлыгы ал бүркүттү сыртка же элден обочо алыс жерге коюп, өзү топтун ичинде олтурса, бүркүтү томогосу менен жөрмөлөп жүрүп, ага-буга урунуп, жыттап качып, соңунда Мамбетаалынын өзүн кыймылынан же жытынан таанып, башкалар жакындаса чапчып жакындатпай өз ээсинин тизесине чыгып олтурчу экен.
Мамбетаалы Калча: «Коңур, кел бери» – деп үн салып, томогосун алса, колуна келип олтуруп, жемин жеп болгондо кайта жанып тууруна барып олтурганын далайлар өз көзү менен көргөн.
Мына бул, биринчиден, мүнүшкөрдүн кылдат чеберлигин көрсөтсө, экинчиден, бүркүттүн өтө алгыр эле болбой жана анын кыраакы, акылдуу, эстүүлүгүн да көрсөтүп берет.
Канжыгалуу кара сеңсел
Канжыгалуу кара сеңсел ырыска шерик алгыр кыр аандардан. Каптал жүнү калың, кээлери канаттан салаңдата чыгарган эшилген жарыпсыз канаты болуп, канжыга шекилденген. Ошол үчүн кара сеңсел аталган.
Ууга чыкканда ээси куру кол кайтпаган. Кээлер жүндүүлүгү жана сүрдүүлүгүнө карай бул бүркүттөрдүн кара буурасы экен деп да аташкан.
Мындан алтымыш жыл илгери Какшаалдык кутчу Токсаба баатыр канжыгалуу кара сеңселди салып өткөн. Айтууларга негизделгенде түлкүнү көз көргөн жерден кетирбеген. Кыямы келгенде жейренден бир күндө экиүч алган.
Токсаба баатыр да кылдат мүнүшкөрлөрдөн болгондуктан анын бул кыраан бүркүтү: «Токсаба баатырдын кара буурасы» – деп атыккан.
Айдама кара
Бул бүркүт кыраандар ичинде каарлуу, сүрдүүлүгү менен айрыкча таанымал болгон. Түзүлүшү өзү узунчак, жүндөрү кесек жана өтө катуу, көөдөй кара бүркүт болгон.
Аңыздарга негизделгенде мындан бир жарым кылым илгери алгачында сары эжийди Найманга берген соң ушул бүркүттү колго түшүрүп өзү куштаган экен.
Алгач бир жыл бул бүркүттү жай ичи салкын жерге кондуруп, кыйыбай катырма кылып, аюу чээнге киргиче аюуга салам деп таптап айрыкча даярдык көргөн. Күндөрдүн биринде кыркка жакын жигит-жалаңын ээрчитип, Тоңдун тескейине барып, аюу өтө турган мелжемдүү жерди тосуп турган.
Алгач сынчы: «Ата, кап, байкоосуз туруп, мастан аюуну өткөрүп жибериппиз. Эми чал баш аюу, мастан аюуну издеп келет кыраакы туралы» деген. Айткандай анча өтпөй чал баш аюу жетип келген. Кыраандын томогосун алганда каары менен айбаттуу качырып жетип, аюуну өлчөмдүү жерден жарып жиберип, атып чыгып олтуруп калган. Чал баш аюу өтө катуу чыңырып жиберип, жан талашып жатып калган.
Ошондо сынчы бүркүтүн кармап, жылкынын этинен чокутуп туруп: «Эми жакшыларым жана да сергек бололу. Мелжемдүү жерге чыгалы. Чал баш аюунун чаңырыгын мастан аюу укту. Ал азыр жетип келет» – деп жигиттерин ээрчитип бир мелжемдүү жерди тосуп олтурса, мастан аюу келгенде кыраанды жана коё берген. Ал мурдакысындай кайраттуу качырып, үч ирет кайта-кайта тийип, мастан аюуну кыйла күч менен жыгат. Ошондо бүркүттүн колунан күч кетип калган. Анан сынчы бээ союп жылкынын казысы жана аюунун майын тартып кылдаттык менен дарылап, жакшы түлөтүп жүрүп, айдама каранын колун кыйла узунда керекке келтирген экен.
Майпоз
Майпоз кыраандар тобунда эрекче атак чыгарган бүркүттөрдөн. Башы жылаң баш. Каңшарлуу, көөдөнү кең, как аяк, көзү сары.
Мындан бир кылым илгери көл айланасында Томо аттуу журт бийлеген ары сынчы, ары мүнүшкөр бир адам болуп көлдүн караңгы капчыгайынын тескей төө куйрукта бүркүттүн уя салып турганын үйдө жүрүп туюп, киши жиберип майпозду уядан алдырган. Балапан келген соң Томо аны карап туруп: «Ой, берен, сенин туулуп туш болушуң Кырбаштын бакты го» деген.
Иниси Кырбаш колу жупуну кедей адам болгон. Майпоздун кадыры менен турмушу оңолуп кетсин деп Томо аксакал майпозду инисине берген. Кырбаш майпозду үйүнө алып баргандан баштап тирикчилиги жанданып, турмушу оңолуп, кадыр-кымбаты өсүп, байый баштаган.
Кырбаш майпозду кырк бир түлөтүп салган. Майпоз кыраан башы аюу, бөрү, түлкү, аркар, кулжадан аягы коёнгочо алган.
Бир ирет Томо аттуу Кырбаштын үйүнүн тушунан өтүп баратса майпоз шаңшыган. Томо атынын башын тартып тыңшап тура калып: «Оо, жаныбар, тукумсуз өткөнү калдым деп муң айтып жатпайбы» – деп иниси Кырбашты чакыртып: «Кырбаш, майпоздо өтөң калбаган чыгар, бул жаныбар тукумсуз өтмөк болдум деп Аллага мунажат кылып зарланып жатат. Болсо майпозду коё берели» – деп кеңешин берген.
Макулдукка келген соң серпер колдун текөөрүнө зыгырчелик алтынды белги болсун үчүн ийгектеп жаткырып, ак боз бээден бирди союп, майпозду эркинче жегенге коюп, бүркүт жеп тоюп, ыраазы болуп четке чыккан соң агытып жиберген.
Ошол мезгилде Томо баатыр Какшаалдагы Турдуке баатыр менен куда экен. Ал бир жылдан кийин Турдуке баатырдан келин алганы келет. Майпозду коюп бергенден Турдуке баатырдын кабары болбогон. Томо баатыр Турдуке баатырга киши киргизип: «Баатырга туура келсе түндүк көтөрөлү» деген. Турдуке баатыр: «Алды менен кыздын себин көрсүн, түндүктү артынан көтөрөбүз» – деп туруп калган. Бул кандай кеп деп Томо баатыр акыры кыздын себин көргөнү кирген. Аларда кыздын себин эсепсиз жакшы орундаштырган. Үй сарамжалында кеми жок. Күмүштөткөн ээр токумдан тартып баары сарамжалы шай болгон. Бирок септин алдына, ээр жак босогонун түбүнө, айрыкча бир бүркүттүн туурун коюп койгон. Томо баатыр бул туурду көрүп: «Оо, иши башкача турбайбы? Майпоздун коюп берилгенинен баатырдын кабары жок экен го – деп, баатырдын майпозду сураганын биз түшүндүк. Бирок ал берендин тилеги тукум көрсөм дегендиктен, бир жыл мурун агытып жиберген элек» – деп, Турдуке баатырга абал тааныштырып киши киргизсе, Турдуке баатыр бул сөзгө кылдай да ишенбей: «Менден бир бүркүттү аяса кызымды кандай бермекмин. Бере албайм» – деп, түндүктү көтөртпөй койгон экен.
Томо баатыр: «Турдуке баатыр ынабаган болсо, ага амал канча, агытып жиберген бүркүттү кармап келүүнүн теги айласы жок. Башка арга болбосо кайтып кетели» – деп, төшкө чыгып жолдош-жоролору менен кеңеш куруп олтурса, арадан бирөө: «Ээ, айланайындар, карагылачы, мабу кандай бүркүт, бизди карай айланып келип калды» деген экен. Анда Томо баатыр алдырап, канакей деп каран салып: «Ата, жаныбарым, айбан да болсо башка күн түшкөндө билип, жетип келген турбайбы» – деп сүйүнүп кеткен экен. Бу кепти уккан Турдуке баатыр: «Көрчү, мабу кызыкты, асманда учуп жүргөн бүркүт дагы сеникиби» дегенде, Томо баатыр Турдуке баатырга карап: «Баатыр, адам туруп менин кадырымды сен билбедиң. Айбан да болсо тиги жаныбар башыма күн түшкөнүн туюп жетип келиптир» дегенде Турдуке баатыр: «Кана, сеники болсо келтирип көр.
Анда мен кызымды калыңсыз берем» деген экен.
Томо баатыр ошондо томого, мээлей, балдак, чыргаларын алып жүргөн иниси Кырбашты чакырып, канжыгаңдагы чырганы алып тартчы дегенде, Кырбаш кыйкырып чырганы сүйрөп жөнөгөндө бүркүт тайманбай келип чырганы кармап олтуруп калган.
Томо баатыр башкаларды жакындабай тургула деп, өзү барып боону салып, томоголоп көтөрүп келген. Анда да Турдуке баатыр ишене албай күмөнсүрөгөндө: «Баатыр, буга ишенбесең өзүң келип карап көр. Бүркүттү коюп берер алдында белги болсун деп, серпер колдун төкөөрүнө зыгырчелик алтынды оюп бекитип койгон элек» – деп, төкөөрүн кырып алтынды жаркыратып көрсөткөндө, Турдуке баатыр: «Болду, баатыр, кол койдум» – деп кабыл болуп, түндүгүн көтөртүп, элди конокко бөлгөн экен. Ошондо Томо баатыр Турдуке баатырды чакыртып: «Баатыр, бир иш унут калыптыр. Майпозду конук кылбапсыз. Менче бир ак боз бээге, эл-журтту бата кылдырып союп, келиндин өргөөсүнө алып кирип, майпозду кондуралы» дегенде Турдуке баатыр кошулуп, бир бээ союп, элден бата алып, келиндин өргөөсүнө киргизип майпозду конук алган экен.
Эртеси эл конук чайын ичип болгон соң түндүктү тартып эшикти түргүлө дегенде эшик түрүлүшү менен майпоз учуп чыгып айланып туруп, андан бийиктеп, көктө сызып, көздөн кайым болгон экен.
Томо баатыр калгандарды үйгө кирбей тургулачы деп, өзү жеке кирип көз салса майпоз бээнин этинен бир чокуган, эки чокубаган. Жүктүн үстүнө чыгып олтуруп, эрте менен учуп кеткен. Муну көргөн соң Томо баатыр жакындарына: «ай, иши болбоптур, майпозду атайлап конок кылган соң этти тойгончо жегени жакшы эле, араң бир чокуптур. Эки чокубаптыр. Келин бизге кутабайт экен го. Байкуштун өмүрү кыска экен. Жыл айланбай келинден айрылып калат экенбиз» деген экен.
Айткандай алты айдан соң Турдуке баатырдын кызы өлүп, кабар Какшаалга келген экен.
Келте боз
Келте боз кыраандар тобунда атагы чыккан кыраандардан болуп, өзү чулу тегерек, канат, куйругу келте, жүнү бозго жакын, кызыл көз бүркүт.
Мындан бир кылым илгери чоң багыш элинен Кебек шаңыя деген өткөн болуп, анын жаңгыз уулу болгон. Атасы жаңгыздыгына карап эркине койгон. Ошого ал эрке чоңойгон. Он алты жашынан баштап бүркүт салуу менен алпурушкан. Бала баралына келгенде атасы ага бир жамбы, бир төөгө бир бүркүт алып берген.
Сатып алган бүркүтүн баласы эмес, атасы өзү эки жыл көтөрүп эчтеме алдыра албаган. Кийинки жылы түлөктөн чыкканда кара жылгындык бир уйгур мүнүшкөр досун чакырып келип, бүркүтүн көрсөтүп: «Эки жылдан бери бир эч кандай жан алдыра албай койдук. Сиз таптап жанга кириштирип берсеңиз» деген. Мүнүшкөр бүркүттүн мүйүзүн көрүп, абдан байкап туруп: «Кебек шаңыям, бу бүркүттү колдон түшүрбөй, күн-түн көтөрүп толук кырк күн таптаган соң өнөрүн көрөсүз» – деп, кырк күн таптап, кырк биринчи күнү: «Кебек шаңыям, кыраан этине келди. Ууга чыгабыз. Этият үчүн чоңураак шырдактан бирди канжыгалаң. Бир койдун куйругун куш калтага салың. Унутуп калбасаң» – деп кайта-кайта табыштаган. Кебек шаңыя мүнүшкөрдүн кеңеши боюнча бар сарамжалын толук табарлаган. Ууга чыккан соң мүнүшкөр бүркүттү өзүңүз куштаң деп бүркүтүн Кебек шаңыяга берип туруп: «Жаңгыз жанга учурбай көп топ жан болсо коюп бериң» – деп тапшырган. Кебек шаңыя бул кепке бир ишенип, бир ишенбей эки кыял кетип баратса тоорактын арасынан бир жейрендин текеси чыга качкан. Кызуучулукта баягы тапшырылган сөз эсинен көтөрүлүп, Кебек шаңыя бүркүттүн томогосун тартып коё берген. Кыраан текени каардуу качырып, узатпай серпип, там бою көтөрүп барып таштаган. Текенин бели беш жеринен үзүлүп кеткен. Кыраан текени карабай шуңгуп асманга чыгып кеткен. Ошондо мүнүшкөр өзү камынып тоорактын кемерине кире качып: «Кебек шаңыям, жаныңды жашыр, шырдакты атка жаба сал» – деп бакырган. Кебек алдырап аттан түшүп, шырдагын атына араң жаап үлгүрүп, аттын төрт аягына кире калган. Кыраан асмандан качырган бойдон келип, аттын үстүндөгү шырдакты көтөргөн бойдон барып, шырдак менен бурдалакташып калганда артынан барып ажыратып, койдун куйругун койбой жегизген.
Мүнүшкөр: «Ээ, Кебек шаңыям, бүркүттүн мына эми курушу чыкты. Мындан кийин учкан жан болсо да кутулбайт. Келте боз деген кыраан ушул болот» деген.
Кийинки амалият мүнүшкөрдүн айтканын толук далилдеген.
Жанпоз
Жанпоз кыраан бүркүттөрдүн бир түрү. Жүнү калың жана бозго жакын. Сөөгү терең мүчөлүү. Өтө тапкөй болбогон бүркүт.
Акчийдин Кулансарак айлынан чыккан Табылды деген мүнүшкөр мындан алтымыш жыл мурун жанпозду куштаган. Ал талаа бозумунда кармалган. Кармалганда караса серпер колдун ортону чолок болгон. Андан түлкү же башка жандарды алганында тиштетип салгандыгы көрүнүп турган. Бул бүркүт укмуштуу кыраан чыгып, жанпоз аты өзгөрүп, Табылдынын чологу аталган. Кыямы келген күндөрдө үчтөн төрткөчө жейрен алган. Томогосун тартканда кылт эткен түлкү анын тырмагынан кутулуп чыга албаган.
Үңкүр кабак, үкү аяк
Үңкүр кабак, үкү аяк кабагы калың, мык аяк, жүнү шалаң, саралага жакын, кээлеринин көзү чекир же сары болот.
Уулаганда жан куткарбас, аягы бек айтылуу кыраандардан болгон.
Үч ала
Үч аланын көзү чекир, бир уядан үч кыраан окшош жетилет. Кээ бир аңыздарда айтылышынча бир жумуртка ичинен чоң кичик үч балапан чыккан. Алардын кээлери кашка, куйруктары бүтүндөй ак болгон.
Мындан жарым кылым илгери Акчий оодан Кулансарак айылы, Бедел кыштагынан Кадыркул аттуу адам үч аланын балапанынан бирди алып, аны Карачий айлынын Тегерек кыштагындагы Байбектин Турдакунуна сатып берген. Кыраандын багына ылайык сатып алган ээси залкар мүнүшкөр болгон. 1930–1945-жылгача жакшы куштап өткөн. Бирге ууга чыккандардын айтуусуна караганда ээрчигендер куру кол кайтпаган. Барчыны он бир түлөгөндө шимшир баяндан бирди алып, колунун кырсылдагы түгөп өлгөн. Мүнүшкөр арманын айтып калган.
Аземдүү бүркүт үч ала, Куштап өтүп сени мен. Өзүңдөй баатыр кыраанды, Табалбадым эми мен.
Сенден калып айрылып, Сараланы салгамын.
Ала байтал сызганга, Аралап далай баргамын.
Айтып-айтпай пайда жок, Алланын башка салганын. Акыры сендей табылбай, Арманың айтып зарладым.
Үкү жүндүү сарала
Үкү жүндүү сарала бүркүттөрдүн бир түрү болуп, көзү кээлери акка жакын, кээлери сарыга жакын болгон. Жүнү бүтүндөй сарала. Же көөдөн тарабы сарала болгон. Жүнү кесек, канат, куйруктары узун, учкул кыраан чыккан.
Мындан жарым кылым илгери Карачий айлы, Тегерек кыштагынан Маамедин байдын уулу Маамет сараланы куштап өткөн.
Кунурачтык мүнүшкөр Асанбай саралага бөрү алдырган.
Карга жүндүү карала
Бул дагы кыраан бүркүттөрдүн бир түрү болуп өтө тапкөй келет. Мүнүшкөрү кылдаттык менен куштабаса, оңой эле адамдан баш тартып качып кетмей адаты бар.
Бул түрдөгү бүркүттөн илгери Кара текени жердеген Дөкөн аттуу мүнүшкөр бирди куштап, карга жүндүү караланын даңын калайык-журтка жайып жиберген ал.
Карга жүндүү карала, Карыганда бирди алат.
Үкү жүндүү сарала, Үксөйгөн сайын бирди алат –
деп, Үкү жүндүү сарала менен карга жүндүү караланын кыраандыктарын салыштырып көп ырдаган.
Быкыс
Быкыс кыраан бүркүттөрдүн бир түрү. Элде мындай макал таралган: «Быкыс эбин тапсаң күндө кыз, эбин таппасаң мээлейиң алып көтүңдү кыс». Бу макал аркылуу бул кыраандын өтө назик экендигин көрүп алганы болот.
Быкыс өзү көркөм, башы кичик, көзү чекир, жүнү кара көк, куйругу боёк чачылып кеткендей темгил ала чаар бүркүт болуп, кыраандыгы жүнүнөн да байкалып турат. Ал башка бүркүттөрдөн пасыраак (ылдыйраак) учат. Кээ бир адырлуу жерлерде адырдын ыңгайына карай ылдыйлап, же кайта эргип өйдөлөп, бийиктеп уча берет. Арып чарчаганды билбейт.
Шоодай
Шоодай – өзү кичүү, көрүмсүз шиштей кара бүркүт. Бирок аяктуу, балтыры толук, тырмактары сөөгүнөн жарып чыккан сыяктанган канат, куйругу узун, жүнү катуу, кабагы калың, көзү кызыл кыраандан болгон.
Бул түрдөгү бүркүттөн бирди атам Кыдырбай бозум кезинде кармап, Токсаба баатыр сураганда берген.
Токсаба баатыр чөл бетиндеги кыргыздар чакырганда шоодайды көтөрүп барган. Ал жердегилер: «Атайын чакырсак бүркүтүн байлоочон алып келиптир» – деп нааразы болушкан. Кээлери: «Кебетесинен караганда коёндон башкага алы жетпейт» – деп, айыңдаша сындашкан. Кийин ууга чыкканда мүнүшкөр күнүнө үчтөн төрткөчө теке алдырган. Ээрчиген топ куру кол калбаган. Ошону менен шоодай аты калып, Токсаба баатырдын текечи карасы деп аталган.
Ак кепин
Ак кепин кыраандар тобунда айтылуу бүркүттөрдүн бири. Сөөк курулмасы өтө көркөм. Башы кечкил көк тумшук, желке жүнү кыска, жарпы ичке, көзү кер сары, буту, колу жумуру, жүнү акка жакын, тапкөй эмес, табы жумшак саналуу кыраандардан.
Салган ээси камдашып табын таап алса, анча эле тап кетпейт. Эти семиз болуп ач өзөк кылбаса ак-караны ылгабай көзүнө көрүнгөндү алат. Мүнүшкөр өтө кылдаттык кылам деп, ач өзөк кылып койсо жанга жетпей да калат. Бул эрекче сыр.
Бүркүттүн негизги жүнү акка жакындыгынан ак кепин экендигин байкоого да болот.
Мындан жыйырма жети жыл мурун (1963-жылдары) Акчий ооданы мамлекет менчигиндеги атчылык майданын Айыктык өрөөнү Жезбулак кыштагынан Сымайыл уядан алдырып акеси бир айга берген. Ал киши жанга кириштире албай сатам деп Кулансарак айлына көтөрүп келген. Кулансарактагы айтылуу мүнүшкөр Жунус Конокбай уулу бүркүттү көрүп, ак кепин кыраан экендигин таанып ээсин толук ыраазы кылып, 1964-жылы 9-айда сатып алган.
Жунус Конокбай кыраандын табын таап көөнүн оорутпай жакшы машыктырган. Төрт жыл ичинде жүздөн ашуун жейрен, түлкү алдырып, Жунус аганын ак кырааны дегизип атагын чыгарган.
Ошол учурда маданият көңтөрүшү башталып, чек арада бүркүт салуу чектелген. Болуп дагы бүркүттүн ээси четке байланган шиужиңжуйчу унсур деп тартып чыгылып таптык күрөштүн объекти болуп калган. Ошондо да эби келгенде бүркүтүн бөктөрүп, мээлейин койнуна катып көмүскө менен басып, ууга чыга калып, куру кол кайтпаган. 1968-жылга келгенде күрөш, пийпан өөрчүп бүркүтү бар шиужиңжуйчулар бүркүтүн агытсын, же өлтүрсүн деп жыйындарда кайта-кайта уктурулган. Кээ бир бүркүттөрдү нак майданда башын үзүп өлтүргөн. Өлтүрбөгөн бүркүттөрдү ээси менен кошуп күрөшкө тартып, өлтүрүлгөндөн кийин мойнуна асып айылды айлантып күрөш кылат экен деген кеп-сөз угулганда, мүнүшкөр агытып жиберейин десе, көзү көргөн коллективдин же жекелердин малын алып чындап балаага калуудан чоочуп, өлтүрөйүн десе колу барбай кыйлагача кыйналып жүрүп, акыры жогорунун чечими боюнча өлтүрүүгө уюп, коңшусу Өмүр Кушубалды менен кеңешип: «Мен жокто көзүмө көрсөтпөй мууздап сал. Кеп-сөз талаага тарабасын» – деп, тапшырып жумушуна кеткен. Кечте эмгектен келген соң бүркүтүнүн өлүгүн көрүп, ичи туздай ачышып, каңырыгы түтөп, көзүнө жаш алып, муңканып туруп калган.
Кийин бүркүтүнүн өлүмүн мындай ырга кошкон:
Ак бүркүт сенин абалың, Айтууну бир аз эп көрдүм. Ашкере ууга чыга албай, Атка бир далай бөктөрдүм.
Көркөмдүү кыраан сен элең, Көрүнөө көпкө салбадым. Кубанып шаңдуу жаркылдап, Кумардан чыга албадым.
Тапкөйлүк жайың болбоду, Табылган жанды албадың. Табыңды далай өткөрүп, Тамашаңа канбадым.
Беш түлөтүп салалбай, Бекерден багың байланды. Мууздаттым кыраан өзүңдү, Табалбай башка айлаңды.
Маданият көңтөрүш,
Мага да сага тең келди,
Өмүрүм үчүн аянып, Өзүңө салдым чеңгелди.
Туулган уяң алыскы, Айыктыктын Жезбулак.
Башы кечкил, көк тумшук,
Бактыңан тайдың тез кулап.
Толукшуган кезиңде, Томогоң калып өзүң жок.
Кечкурун келсем эмгектен, Кер сары болгон көзүң жок.
Кетипсиң тиги дүйнөгө,
Кем акылдык кылдымбы?
Учарга канат жогунан, Ушинтип кыраан тындыңбы?
Барчының бешке жеткирсем, Бар беле менде чоң арман. Качып кимдер кутулган, Капташып келген ажалдан.
Ак кыраан сенин абалың, Айтып өттүм азыраак. Көзүң ачык сен кеттиң, Калалбадым асырап.
Кара көмөкөй
Кара көмөкөй бүркүттөрдүн бир түрү. Таңдайы, тили, көмөкөйү кара көрүнөт. Тилдин ортосунда кара мөөр шекил болуп, эки жагы кара көрүнөт.
Куйругу балапан кезинде куйруктан күдүңүрөөк, кээлери өтө ак көрүнөт. Бозумунан нары барчын куйрук сыяктуу куйругуна бедер сала баштайт.
Кара көмөкөйдүн жүнү жапыз, жазыраак, кээлери акка, кээлери кызылга жакын. Кээлери тегерек саргыл болот.
Көзү тиктеңки, тумшугу жазы, кабагы калың, мүчөлүү, боолугу кыска, чоң жан алса оңойлук менен ажырабай турган өтө өжөр бүркүт.
Бул түрдөгү бүркүттөр Какшаал өрөөнүнүн Карабулак айлынын Сыңаржар аттуу кыштагынан көп чыгат. Ал Сыңаржар тарыхтан бери өтө кыраан бүркүттөр таралган белгилүү уя эсептелет.
Кадыр түн
Кадыр түн кыраандар ичинде шыйкырлуу, ырыска шерик жолдошчулугу менен даңазаланып келген бүркүт. Анда майчегир өңдүү кыраандарда боло турган белгилери бар. (Бул миңге бир бүркүттө табыла турган жалпы аталма).
Бул жөнүндө төмөндөгү негиздерди байкооңорго сунабыз.
Илгери Какшаал өрөөнүнүн он бир көөнө мүнүшкөр, эми бүркүт салып келе жаткан бир жаңы бала мүнүшкөрдү ээрчитип Аксайга салбуурунга барышат. Алар бир кең өзөн суунун боюна орундашып бүркүт салат. Он бир көөнө мүнүшкөр күнүнө куру келбейт. Бала мүнүшкөр эчтеме алдыра албай ээрчип жүрөт. Бир ирет калгандар ага: «Сен убара болбо, биздин атыбызды бак. Чай кайнат, ар күнү сага бирден түлкү берели» – деп кеңеш беришет. Бала мүнүшкөр макул деп кошто калат. Төрт-беш күн өткөн соң ал жалгыздыктан зеригип, бүркүтүн көтөрүп, бир таштын башына барып, айланасын карап олтурса, өйдө жактан жети бүркүт бир зоонун үстү менен, бир дем зоонун асты менен айланып ойноп учуп келе жатканын көрүп, колундагы бүркүтүнүн томогосун алып жиберсе, ал теминип калат. Бала коё берет. Колдон учкан жети бүркүттүн четинен барып, бир бүркүткө асылып алышып калат. Бала барып ажыратып караса, жаңы бүркүт көзүнө ысык, жагымдуу, сүйкүм көрүнөт. Ал көөнө бүркүтүнүн боолорун алып, жакшы тойгузуп агытып жиберип, жаңы бүркүттү боолоп, томоголоп көтөрүп келип, көөнө бүркүтүнүн ордуна кондуруп коёт. Бирге жүргөн көндүм болгон көөнө мүнүшкөрлөрдүн эч кайсысы баланын жаңы бүркүтүнө назарын оодарып серп салып да коюшпайт. Эки-үч күндөн кийин жалпы өз элин көздөй аттанышат.
Жолдо баланын аты аксап баспай калат. Бала бүркүтүн жөө көтөрүп, атын жетелеп артта калат. Алдыңкылар карап койбой кете берет. Он бир көөнө мүнүшкөр жүрүп олтуруп, казак айлына жетип, бир чоң өргөөгө түшөт. Үй ээси келгендерге чай да куйдурбай, жумушкерине: «Тиги үйгө баштап чыгып, ал иттерге атала чалып бериңер, башка даам бербеңер, ондан соң сен карагер жоргону минип, боз жоргону коштоп, жолдо атын жетелеп, бүркүтүн жөө көтөрүп келе жаткан жалгыз атчан жаш баланы утурлап, аны тапкан соң боз жоргого мингизип, атын айылга таштап тез алып келе кал» – деп тапшырма берет. Жумушкер тапшырманы толук аткарат.
Көрсө үй ээси касиеттүү, кыраакы, сынчы мүнүшкөр адам болуп, бала келиши менен он бир жолдошун кошо чакырып, сары башыл ак койго бата кылдырып, алды менен бүркүттүн тумшугун майлап, балага жакшылап чай бердирип: «Балам, сен жүрүп арып-ачып өтө кыйналдың, жатып дем ал» – деп алдын калыңдап жаткырып, эт бышканча эс алдырып ардыгын чыгарып, эт бышканда ойготуп сыйлуу конок кылат.
Эртеси жана бир тай союп, баланын бүркүтүнүн тумшугун майлап, этине аябай тойгузуп, ашканын казанга салып коюп, конокторуна карай үй ээси мындай деп сөз баштайт. Алды менен жанагы он бир мүнүшкөрдү карап: «Ой, он бир ит, силер дагы адамсыңарбы? Менимче, ит экенсиңер го. Жаман жолдошун каракчылайт болуп байкуш балага ат бактырып, аш бышыртып ичкенде жакшы, жөө калганда жаманбы? Аты аксап калганда бириң учкаштырып, бириң атын жетелеп бирге келсеңер жаман болмокпу? Ошол үчүн мен силерди адамгерчилиги жок иттен төмөн кишилер экенсиңер деп боктоп турам. Бул айткандарым айып эмес. Эми силерге эп келсе ар кайсыңар да кеңешиңерди бергиле, мен дагы айтайын деп тургамын. Бала бүркүтүн мага таштап кетсин» дегенде калгандар бирдей: «Оо, жакшы болот. Ошондой болсун, бала бүркүтүн сизге берип кетсин» – дешет. Бала: «Бүркүттү бере албаймын» – дейт. Үй ээси: «Балам, бүркүтүңдү мага бергин. Мен калыңсыз кыз берейин, ат миндирип, тон кийдирип, үй тиктирип, короосу менен кой, үйүрү менен жылкы берип, өзүмө күйөө кылып жакшы жолго салайын» – дейт. Бала: «Чоң ата, сиздин мени ушунчалык сыйлаганыңызга ыракмат. Бирок мен бүркүтүмдү тегеле сизге бере албаймын. Менден тегеле таарынбаң» – деп, өз сөзүндө бекем турат. Жолдоштору күбүрөп-шыбырап, тилдеп, каргап: «Ой, акмак, ушу бул жаман бүркүтүңдүн сырын биз билебиз. Жан албаган сааңдын кымбатын ашырып жатса бербегенде эмне кыласың. Бүркүттөн айрылгың келбесе биздин бүркүтүбүздүн ичинен тандап каалаганыңды ал. Аксакалдын кылдай да көөнүн оорутпа, туз ургур» дешип жемелеп, зордукташат. Бала: «Бербейм дедим, бербейм» – деп көшөргөндөн көшөрөт. Ошондо үй ээси: «Оо, силер билбей жатасыңар. Бул бүркүт баланын колуна түшкөнү бир жума боло элек. Бул бүркүттүн кадыр түн дегени болот. Оңойлук менен адамдын колуна түшпөйт. Колго түшсө качпайт. Буга тап кетпейт. Бүгүн да, эртең да окшош эле ала берет. Муну салган кишинин түркүгү алтын, ит аягы мис болот. Балам, билип жаткан экен. Мен бекер сурапмын. Эми балам өзүң сал. Бүркүтүң боосу бек болсун! Кушуң куттуу болуп, өрүшүң малга толсун! Бул ар ирет чаңгыт кар түшкөндө байкастабасаң качат. Кыраакы бол. Атың арык экен, жөө жүрүп беренди кыйнабай журтуңа, үйүңө аман жетип ал» – деп, жоргодон бирди токутуп балага мингизип, батасын берип көңүлүн тындырып, сыйлуу узатып калган экен.
Ошол сынчы айткандай кийин баланын үй-бүлөсү оттон, суудан жармашкандай бат эле оңолуп, өрүшү малга, кампасы данга толуп байып кеткен. Бул айтууда ошол бүркүт кадыр түндүн касиети экен.
Майчегир
Майчегир кыраандын кырааны. Башы жылан баш. Каңшарлуу, көзү чекир, как аяк, кабактуу. Канат-куйрук жана башка мүчөлөрү өтө сымбаттуу келишкен мүнөзү оор басык, басмырт. Олтурушу көркөм залкайган бүркүт.
Башка бүркүттөргө караганда анын ээси менен болгон байланышы өтө сыпайы. Мейли жан алсын, албасын тетири кыялы жок.
Майчегирди көтөргөн адамдын бүркүт жак өрөсү бир нече күндө эле билинбестен майлашып калганын көрөт.
Жогорку эрекчеликтерине жана аны көтөргөн ээсинин киреше кайтарына карап майчегирди баалап бекиткени болот.
Куучегир
Бу дагы бүркүттүн бир кырааны болуп, айтууларда өтө кыраан экен. Бирок аны салган киши кандайдыр бир кырсыкка кабылары имиш.
Куучегирдин көзү чекир, аягы өтө куу аяк, жүнү өтө тайкы жана кубаңкы эч нерсе жукпагандай. Көзгө өтө коркунучтуу көрүнөт экен. Караган киши ыктыярсыз сезгенип кетет экен. Ушуга карай куучегир аталган. Кээ бир кишилердин айтуусуна негизделгенде ал кээ бир кишилердин жолуна жарашпайт экен. Кырсыкка учуратат экен.
Такырчегир
Бул дагы бүркүттүн бир түрү, бүтүн дене түзүлүшү куучегирге ыкташ. Өзү да чегир, көзү да чегир дегендей көзү жаргак көз, кирпиги жок чегир экен.
Аңыздарга негизделгенде бул түрдөгү бүркүт алгыр, кыраандыгы ченебегендей кыраан экен. Бирок түрү суук болгондуктан кармап таптап салууга эч ким батына албаган.
Ошол үчүн жогорку негиздүү аламаттарына карап такырчегир атыккан.
Эрекче кыраандар жөнүндө бир кайрык
Кадыр түн менен майчегир, Канаттуунун ыйыгы. Кыраандыкта баа жеткис Кымбаты артык кыйыны.
Майчегир атка конмогу, Кадыр түндөй болмогу. Миңде бири чыгабы, Айтууга болбойт болжолу.
Канаттуунун көк жалы, Кадыр түн менен майчегир. Аларга жандаш айтылат,
Акжолтой куштан байчегир.
Айтып өттүм далайды, Эң мыктуусу майчегир.
Кандай пенде туш болот, Кааласа Алла ал чегир.
Майчегир аттуу бул берен,
Конуп калса тууруңа,
Түндүктөн алтын жаагандай, Туш-тарабың кыбыла.
Ал өңдөнгөн ырыска, Айтууда адам жетеби. Оң тартып калса ишиңиз, Тууруңан тунжур кетеби?!
Бүркүттүн сөөк курулмасы жана анын эрекчеликтери
Бүркүт алгыр куштар ичинде көзгө көрүнүктү кыраандардан болуп, дене курулмасы, сөөк курулуш жактан көп эрекчеликтерге ээ. Бизден илгери кылым аралап жашаган өткөн ата-бабаларыбыздын кызыгарлуу жөө жомок, укмуштуу кеп-сөздөрүнө жана мүнүшкөрлүк аргаларына негизделгенде бүркүттүн сырткы көрүнүшү, ички сөөк курулмасына төмөндөгүдөй баа берилип келген.
- Бүркүттүн баш курулмасы: негиздүү жылан баш кечкил, бака баш катарлуу бир канча түр менен айырмаланат. Мында жылан баштын эки чекеси кууш кысыңкы, маңдай сөөгү тар көрүнөт. Кечкилдин тумшугундагы сары териси менен көк мүйүздүн айрылган жери саал ачыгыраак кайкы көрүнүү менен көк тумшугу көтөрүңкү келет. Бул түрдөгүлөр талапка ылайык каралат.
Көз өлчөмдөрү: бүркүттүн көзү ак түрлүү болот. Мын дагы маселе көз кандай түрдө болсо да назар кабасы бийик, көзү нар жакта кайнагандары алгыр келет. Бүркүттүн кабагы жука, көзү жайнагыраак келсе, коркунчак, жалтанчагыраак көрүнөт. «Кыраандын алды кызыл көз» деген макал бар. Бирок сары көз, ак көздөр да айтылуу кыраандардан эсептелет. Бүркүттүн жоктор жүнү көзүнүн кандай болушунун негизги белгиси. Жоктору кызыл бүркүттөрдүн көзү да кызылга жакын. Жоктору агыш келсе ак көз. Жоктору сары келсе көзү сарыга жакын болот.
Тумшук айрымдары
Кылыч тумшук, бөдөнө тумшук, кажыр тумшук катарлуу түргө айрылат. Мында кылыч тумшуктун жалкыны өтө жука каңшарлуу келип, шаңданып турат. Бөдөнө тумшук бүркүттүн баш сөөгүнөн чакан мүнөзүн сын билдирет. Бу да боло берет, бирок кажыр тумшук бүркүттүн баш сөөгү мүнүшкөрлөрдүн сынына анча толо бербейт.
Ар кандай кыраандардын башы негизги орунда болуп, кыраан болот экен. Ал өтө сук, сугалак келүү менен жем жеште өтө шамдагай эки чайнап бир жутуш касиет и не ээ.
Жеп тойбос соргоктугу менен да кыраандыгы белгиленет. Кээ бир бүркүттөрдүн жем жеши начар, кыл тамак будаланып аста жейт. Бул анча талапка ылайык эмес деп каралат.
Бүркүттүн жүн эрекчеликтери
Көп кыраандардын жүнү (түгү) кызылга жакын сары, сарала, бозала, карала, кубаңкы бүркүттөр да болот. Мында кыраандык аламаттары бир аз барлар мунун тетирисинче жүнү өтө карага майыл бүркүттөр анча талаптагыдай чыгалбай да калат.
Бүркүттүн жон жүнүн сылаганда колго жумшак учураса мүнүшкөрлөрдүн сынына толбойт. Жакшыраак көрүнөт. Жүндөрүн сылаганда катуу кайраттуу болгондорунун жумшак жүндүүлөрдөн бир аз баркы бар. Бүркүттүн ичинде каптал жүндөрү алдына карай бүтүлгөн болсо ал да кандай аңдан кайтпас эр жүрөк көрүнөт. Каптал жүнү бир ыңгай аркасына кайрылгандары адаттагыча болуп, керинген түлкүгө түшө албай жүрөксүздүк кылат.
Жүнү калың бүркүттөр суукка чыдамдуу болуу менен жүнү тайыздары суукка байымсыз көрүнөт.
Билек жүнү төмөнүрөөк түшкөк түшкөндөрдүн алдынан аң көп учурайт имиш. Билек жүнү өөдө карай шымалаңкы болгондорунун алдынан аң анча учурабайт экен.
Баш, аяк айрымдары
Как аяк, как тумшук, көк аяк, көк тумшук, сары аяк, сары тумшук. Негемде кызыл аяк, кызыл тумшук бүркүттөр да чыгып калат имиш. Айтканда как аяк менен көк аяк бүркүттөр талаптагыдай болуп, сары аяк жаман эмес, ар канча чоң болгон менен кызыл тумшук, кызыл аяк бүркүттөр анча жакшы эмес. Мына эсте сала кете турган бир маселе: «Балапан бүркүттөр сары аяк, сары тумшук болор берет». Бирок кийинкилиги кандай аяк болушун анын бешенесинен байкоого болот.
Мында байкас кыла турган бир иш. Бүркүттүн жаргак аягы анча жакшы эмес. Көнөлөрдөн «жаргак аяк салсаң жарыбайсың» деген макал калган.
Туяк менен таман өлчөмдөрү
Кээ бир бүркүттөрдүн туяктары кызылга жакын өтө кара эмес көрүнөт. Бир бөлүк бүркүттөрдүн туягы өтө кара катуудай көрүнөт. Жыйнактаганда туяктын кончу жоонураак келип, үч тарабы ничке өтө кара туяк болбогону жакшы.
Жер басар таманы калың, кең болуп салаалары ачык айрылып тургандан сырт колу кычылуу болгонду талаптагыдай жыйнактаганда алачык аяк, үкү аяк, оймок аяк деп да аталат. Бирок манжалары өтө узун эмес пыкта толмоч келип үкү аягыраак болгондору карылуу жана кармаганда оңойлукча ажырабайт имиш.
Бүркүт балапан кезинде анча толо албайт
Бозумдан өтүп таш түлөк болгондо толгон кези эсептелет. Бүркүт балапан кезинен таш түлөктөн өткөнгө чейин канат, куйругундагы агы көбүрөөк болуп, кум түлөктөн өтүү мезгилинде агы азая баштайт. Куйругунун учундагы карасы көбүрөөк болуп, куйрукка түшкөн бедер кызгылтым келсе ал кыраандыктын белгиси. Бирок куйруктун, учундагы карасы азыраак болгондору анча эле көңүлдөгүдөй болбойт.
Бүркүттүн көрүнүш жактагы өлчөмү
Туурда олтургандар залкайып тик олтуруу менен алды кең, канат кайчылашы өйдөтөн болуп, кайкы келсе учкурлуктун аламаты. Туурда олтурганда ичине эңчер мүрүсү калың болуп далылуу келсе балбандыктын белгиси. Кээ бир бүркүттөр башынан куйругунун учуна узуну бир метрден ашык жана кээ бирлери токсон сантиден жетимиш сантиге келет.
Бүркүт түштүк балтырлуу болуп, балтыры бир тутам эки эли, үч эли келгендери пыяз балтыр деп өлчөмгө ыла йык келет. Өлчөмгө толбогондору сөз баатыр делет.
Өлчөмдөгү бүркүттөрдү: чүкөсүнөн, балтырынан, моюн сөөгүнөн, төш сөөгүнөн парктандырып байкоого болот.
Мүнүшкөрлүк жөнүндө илимий изилдөө
Жогоруда бир канча мисалдар менен «кыраандар тобу» чындыкты негиз кылып, өз амалияты боюнча тааныштырылып өтүлдү. Кыраан деген учкур канаттуулар ичинен чыккан кылдат, кыйындарына берилген атак баа. Мына ошолорду таптап ийгерген адамдарды мүнүшкөр деп атайбыз. Кыргыз улутунун ата салты боюнча айтканда, элибиздин жөрөлгө салт-санаасынын баюу жолун эстегенибизде, тээ өткөн, өтүп жаткан кылымдарга кайрылганыбызда не сонун иштер, не чебер сынчы, саяпкер жана мүнүшкөр адамдардын тарыхта өткөнү чындык. Алар жөнүндө айрым токтолсок көптүк кылбайт. Сынчылар күлүк аттарды эле сынап калбастан кыраан куштарды жана аны таптап көндүргөн мүнүшкөрлөргө да сын берип өткөнү ырас.
Бирок биздин азыр айтмакчы болуп олтурганыбыз мүнүшкөрлүктөгү изилдөө болгондуктан башкалар жөнүндө сөз бөлмөк эмес.
Демек, мүнүшкөр сөз мааниси боюнча алгыр канаттуу жыраандарды таптап ийгерген адамдарга берилген техникалык атак. Кыраандар тобу: ак куш, кара куш деп эки тайпага бөлүнөт. Мына буларды шартсыз ийбашка келтирүү, алардын ар түрдүү мүнөзү менен толук таанышуу. Аларды ээликтирип түрлүү илбээсиндерди алдырып, андан пайдалануу. Ата салты боюнча айтканда, бул жөнөкөй жөрөлгөдөй туюлса да илимий техникалык жактан алганда ал үчүн аянбагандай күч жумшап, өтө кылдат чеберлик менен мүнөз жетиштирүүнүн зарылдыгы талап кылынат. Мүнүшкөрлүк татаал жумуш. Ал өзүнө чыдамдуулук, кайраттуулук, көрөрмөндүк, эстүүлүк, оор басыктыкты шарт кылат.
Ак куштарды таптоо
- Ак куштарды таптоо жана аны ийгерип машыктыруу аргалары кара куштарга караганда өтө сылык, сыпайылык талап кылат. Өтө жумшак кармап, сермөө тийиш. Эл ичинде илгеркилерден: «Ак куш салган баламдын бирден колу жок болсун, баламдын эки колу шок болсун» деген нускалуу сөзү калган. Мындан биз ак куштарды азыраак «сыйлап сыйпап, көп уйпалап, жүдөтүп, артыкма кармап сермөөгө» тыйым салышыбыз керектигин түшүнөбүз.
- Ак куштардын чочуп калышынын алдын алуу. Маселен: ит, мышык, кичик балдардан чочуйт. Мындан байкас кылуу керек. Кээ бир кишилер артынан келип уйпалап, моюндан ала турган карөзгөйлүк кылыктарын тыюу, өзгөртүү керек.
- Ак куштарга бериле турган жемге байкас кылуу керек. Мында эң негиздүү жактары төмөнкүлөрдөн турат:
Өтө көөнөрүп кеткен этти берүүгө болбойт. Мындан сырт өпкө дагы ак куштар үчүн жакшы тамак эмес.
Бериле турган эт негизги жактан учар куштар эти болсо болот. Андан калса коён, жылкы же уй, топоз эти болсо болот. Койдун эти оор келет. Төө, эчки этин берүүдөн байкас кылуу керек, негизинен жакпайт.
Кыш күндөрү тоңгон, муздак эт берүүдөн сактануу керек. Ак куштар өтө назик болгондуктан муздак эт жесе да акыбети өлүм болот.
Ууга чыкканда ак куштар табындабы, кыл этиндеби же эти семизге шыкай көтөрүңкүбү, же арыкпы, муну жакшы байкоого тийиш. Эти семиз болсо чамгарактап көзү жайнап, жанга карап көзүн салбай, тескери учуп качууга камданат. Эти арык болсо жанга жетпей же ажырап калып суук жем болот. Ошол үчүн этин бир аз көтөрүңкү кылып, ичин ачыркатып аң уулаш аргасын колдонуу керек.
Ак куштарды туңгуч ирет жан алдырганда бир-эки ирет алдын ажыратпай жакшы тоюндуруп адамдарга боорун берип, ишенүүсүн колго келтирүү алдыңкы шарт болот. Андай кылбай жана алдырам деп кызуучулук менен тырмак алдын ажыратып койсок суук жем болуп калат да кээде жанга түшпөйт. Кээде тал-дарак, таштарга конуп алып үндөөгө келбейт. Ошондой эле көп ажыраш, киши жанына барар замат ажыраш. Коюп бериши абалдары көрүнөт.
Кара куштарды таптоо
Кара куштарды таптоо, эликтирүү жана адамдарга үйрөтүү ыкмалары негизги жагынан ак куштарды таптоо, машыктыруу аргалары менен окшошуп кетсе да кара куштардын ач, токко чыдамдуулугу, суукка байымдуулугу, ошондой эле ар кандай таптоону көтөрүү мүнөзү менен ак куштардан айрыкча айырмаланып турат. Маселен: ителги, ылаачындарды алсак булар да бүркүттүн чыргасына негизги жактан окшош далба менен башкарганы болот. Демек, аларды жакшы кармап, үндөп көнүккөн соң кептер, кекилик, коён катарлуулардын канат, шыйрактарын же кептердин өлүгүн далба жасап, бир-эки ирет тартып, түшүрүп жакшы тоюндурулса ар канча ыраак, ар канча бийик болсо да кайтып келет.
Алар курсагы ток, кыл этинде болсо эле чочуу, коркуу абалдары көп көрүлбөйт. Азыраак ач калса же суукка жолукса да оңойлук менен өлүп калбайт. Бул жактары негизинен бүркүттүн кылык-мүнөздөрүнө окшойт.
Бүркүт канаттуу куштар ичинде өзүнүн чоңдугу, кайраттуу баатырдыгы, көркөмдүгү менен көпкө таанымал. Бүркүттү таптап көндүрүп, ийбашка келтирүү үчүн не кыйынсыган жарамдуу азаматтардын да кээде чыдамы кетет. Аны күндү түнгө улап тындырбай, көп сылапсыйпоо, айрыкча ат үстүндө көп көтөрүүнү түйүн кылуу керек. Бүркүт өзү да өтө чоң жандар менен кармаша турган баатыр болгондуктан а жер, бу жерлерин катуу-катуу кармап сермегенди анча деле оор алып кетпей турган берендерден. Бүркүт эки түрлүү арга менен тапталат. Анын бирөө уядан алып таптоо жана талаадан кармап таптоо деп экиге бөлүнөт. Мында уядан алып адам колдо багып башкарылып жетилдирген балапандарды уя бүркүт деп атайбыз. Уясынан өз алдынча учуп чыгып ата-энеси аркылуу багылып жана машыктырылып жеке чабыт болгондо колго түшкөндөрүн талаа (тор) бүркүт деп атайбыз. Төмөндө алардын таптоо аргалары жөнүндө айрым-айрым токтолобуз.
Уя бүркүттү таптоо
Балапанды уядан мейли ак күп, же темене канат болгондо алсын, окшош эле тынымсыз көп эмгек сиңирүүгө туура келет. Темене канат болгон соң тегерек болот. Анан сары куурсун болуп, колго көтөрүү менен машыктыруу баскычына өтөбүз. Уядан алган балапанга талаадан кармалган бүркүткө караганда көбүрөөк айтышууга болот. Азыраак үндөп, көп чыргалап ат үстүндө учуруп, чырга менен жем жедирип, жан таанытып, учушун түзөп, алдын байкоо, алдын таптырууга машыктыруунун өзү мүнүшкөрдө кем болсо болбой турган талант жана түйүн болуп саналат.
Балапанды үндөө
Чырга менен жем жедирүүдө өтө кылдат болуу талап кылынат. Этти өлчөм менен берип ашырып албастан, кем берип ач коюудан байкас кылуу менен ылайыгында тойгузуу керек. Антпегенде жемге кароолук мүнөзүн жетилдирип, жаман үйрөтүп, жем талашып, канат менен каккылап, чыркырап этти ала качып, ээсин убарага салат. Кийинкилиги жакшы болбойт. Ээсин айыкчаал болуп, киши менен айтышып чапчып, чокуп, адамды жаралап, жаман үйрөнүп калат. Ошол үчүн балапан уя бүркүттү эң мурда боо тагып көтөрө баштаганда ителеп арык кылып койбостон, катуу кагып силкүүдөн сактануу, жагалдантып этин семиз кылып көтөрүп, ичин (курсагын) ач кылып жанга кириштирүү керек.
Арык кылып ителеп жаман багып башкарылса, жанга кириштиргенде тоюту жакшы кандырылбаса, акыркы өнүмү жакшы болбойт. Коён, түлкү өңдүү илбээсиндерге боолап калуу жагдайы болгондо, өз пейлине коюп, тойгуча жедирип, тоютун жакшы кандыруу талап кылынат.
Талаа бүркүтүн таптоо
Талаа тор бүркүттү таптоо аргалары негизинен уя бүр-күттү таптоо аргалары менен окшошуп кетсе да, бирок белгилүү айырмалана турган жерлери да бар. Булар: 1.Талаа бүркүт үч түлөктөн төмөн болсо, күндү түнгө улап жапага чыдап жакшы көтөрүлсө отуз күндөн отуз беш күнгөчө делбе табын өткөрбөй учурганы болот. 2. Талаа бүркүт үч түлөктөн жогору болсо, кырк күндөн элүү күн айланасында учурууга туура келет. 3. Бүркүттүн түлөгүнө айрыкча байкас кылуу керек. Канча жаш болсо ошончо акедил оңой тапка келе турган мүнөзүн эсте сактап, учурууну колдон бербестик, түлөгүн айырмаландырууга кылдат болуу керек.
Талаа тор бүркүттү жанга учуруудан мурда байкас кылууга тиешелүү иштер
- Талаа бүркүт адамга берилип бой салгандан баштап жөө, аттуу үндөп, үндөөгө саз кылуу керек. Андан соң чыргалаш баскычына өтүп, чыргалоодо алды менен биринчи ирет чырганы намаз шам мезгили тарттырып, баса калдырып ысык эт менен тоюндуруу, экинчи ирет күн баткан соң эт менен чырганы жакын тарттырып, ат менен айланып барып аста аттан түшүп, ысык эт менен жакшы тоюндуруу, үчүнчү ирет намаздигер менен чырганы катуу тарттырып, ачыркатып, жакшы көтөрүп, чаап барып чыргага коё берип, чырганы алган соң жакшы тоюндуруп алуу керек. Ошол үч баскычтуу чыргалоо талабы кылдаттык менен ойдогудай орундалган соң негизинен жанга учурууга ылайык келет.
Талаа бүркүттү таптоодо көп арыктатпай, эттүү жоошутуп, учурууда талаадан кармалган этине алып келип учуруп, куштаса мунун өнүмү андан бетер жакшы болот.
Жыйыштырганда куш, бүркүттөрдү көтөрүү, таптап салуу ата-бабалардан бизгече уланып келе жатат. Жогорку арга адистер алардын бизге калтырган өрнөгү.
Теңир тоонун (Тянь-Шань) түштүгү Какшаал өзөнүндө жашап өткөн кыргыздардан Бокса баатыр, Төкө молдо, Конокбай, Табылды, Танабай, Тору Кыдырбай, Турдакун, Байбек, Мыйман, Мусабай, Мамбетокто, Жусуп, Токтокожо, Өмүр Токтокожо, Кадыракун (Саркөтөн), Мамбетаалы
Калча, Ашымакун, Тезекбай, Сулайман, Шамыр молдо, Абылда Калыгул өңдүү бир бөлүк атактуу мүнүшкөрл өр болгон. Алар азыр арабызда болбосо да кыргыз улутунун өзүнө таан жөрөлгөлүү салт санатынан, уулап, ат чаап, куш, бүркүт салып эл аралап өнөрүн байытып, урпактарга жайылтып, уланта жүргөн иш издери ооздон-оозго көчүп унутулбай эстелип келе жатат.
Ал эми бүгүнкү баяшат жыргал доордо, партиябыздын туура улуттук саясатынын жетекчилигинде кыргыз улутунун куш, бүркүт салуудай жөрөлгөсүн улантып келе жаткан жаш, орто жаш жана жашаган мүнүшкөрлөрдөн Какшаал өрөөнүндө Жунус, Конокбай, Мука, Маамет, Ыдырыс, Эшим, Смайыл, Үмүр, Төлөгөн, Ысмайыл Мурза, Сабит Кемел, Курмаш аким, Болот, Макен катарлуулар бар. Булар ата салтын улантуу үчүн жапага чыдап, аянбай күч жумшап келе жатат.
Айта кетер бир ооз сөз кыргыз улуту жашаган тоо, таш өндүрлөрдө көптөгөн мүнүшкөрлөрдүн өткөнү шексиз. Мен ооданыбыздан башка оодан, область, аймактардагы мүнүшкөрлөр жөнүндөгү изилдөөм тайкы болгончо аларды таабыштырууга аргасыз болдум. Ал үчүн атайы кечирим сурайм. Ошону менен бирге ушул жолдо эмгектенип жаткан жаштарыбызды бул кемтикти толуктап кетерине да толук ишенем.
Соңунда айтарым, жогоруда мүнүшкөрлөр жөнүндө куш, бүркүт таптоо арга адистери тууралуу токтолдум. Мында жана кайта эскертүүгө, өтө байкас кылууга тиешелүү зарыл түйүндөн төмөндөгүлөрдү толуктап ортого коём.
Ар кандай куш, бүркүттөрдү таптоо барышында жылдыз көрсөтпөстүк керек. Жылдыз көрүп калса табы жанып калат да убакыт узарып кетүү келип чыгат.
Ар кандай куш, бүркүттөрдү таптоо барышында бир мезгил удаа, кызуу көтөрүп, белгилүү себептер айынан кызмат, турмуштагы кыйынчылыктар байланышы менен убакыт чыгарылбай көтөрүүдөн токтоп калса табы, ийи жанып, кайтадан азоолонуп, албуут болуп калат. Бул демек, бир жылкы терини жакшы ийлеп бүтүрүп, кайыш болуу аралыгына жетерде бир канча күн таштап салып, ийленбей калып, ошону менен катып курушуп, чылгыйлашып, ултаң болгонго окшош болуп, буга эрекче көңүл буруу, байкас кылуу керек.
Куш, бүркүттөрдүн сөөк курулмасы, ички дүйнөсү менен жакшы таанышуу керек. Кээ бир бүркүттөр ак эттүү, кээ бир бүркүттөр кара эттүү чыгып калат. Ак эттүү бүркүттөрдү аң уулап ууга чыгардан бир күн мурун коёо менен нормал эт берип, эртеси таң ашырып, коёосун таштатып, бир чокум шалап берип, же каңтарып таң ашырып, эртеси алып чыкса жагалданып жакшы учат.
Кээ бир узун өзөк кара эттүү бүркүттөрдү андай таптаса ташка тиет. Же караптап өлөт. Ошого мындай бүркүттөрдү эртең ууга чыгар болсо шалап менен сылама тоют тоюндурса, анан жакшы учат да жан алса ажырабайт.
Кээ бир жаңы жаш мүнүшкөрлөр бүркүттүн мүнөзү менен абдан таанышпай бир күнү ач, бир күнү ток кылып таптоодон кетирип алат. Ошондон бүркүт көп жазыш, тетири учуш абалын келтирип чыгарат.
Коё берүүдөгү максат: 1. Арыктатуу. 2. Ичиндеги кирди тазартуу.
Коё негизинен кыл коё болуу (кирсиз ак) кийинче коёндун шыйрак жүндөрүнөн болгону жакшы. Жумшак жүн өңдүүлөр жакшы коё болбойт.
Куш, бүркүткө кант берүү пайдасыз. Бир аз муз берип, чыйрыктырып кайратына келтирүүгө болот. Мына бул куш, бүркүттөрдүн жана бир түрлүү эрекче мүнөзү.
Кыраандын кыямын, ыгын таап жакшы куштап, жакшы таптай алса чыккан жан кыраандын тырмак алдынан качып кутулушу мүмкүн эмес. Мындагы негиздүү маселе мүнүшкөргө байланыштуу. Ошого ар кандай куш, бүркүттөрдү таптоодо мүнүшкөр бардык акылын жыйнап, ар кандай жапаага чыдап, эринбей алпурушуп, түрлүү кыйынчылыктарды жеңип, соңку жеңишти, ийгиликти колго келтирүүсү тийиш.
РУХИЙ МАДАНИЯТ
АКБАТА
Акбата уйкаштык жагынан кудум эле ырдай түзүлөт. Бул жагынан алып айтканда кыргыз ырларынын бир түрү деп ыйгарсак да жаңылбайбыз. Бирок Ак бата кумдай чачылган турмуштун жакшылык жагын жактайт. Келберсиген адамзаттар кетилбей кемелине келүүсүн, ак тилеги кабыл болуусун кубаттайт. Эмесе, ак бата дегенибиз тыянактап айтканда, алкоо. Кыргыз улуту алкоону эненин мээриндей, тагдыр-таалайынын сүйгөнүндөй сезет.
Кыргыздар: «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» – деп билишет. Ошондуктан кыргыздар алкоо алса кубанычы койнуна сыйбай кылыңдаган жаш баладай кубанат.
Этке эттей бата,
Эт бети менен кеткен бата. Нанга нандай бата,
Мындан артык кандай бата. Атадан калган ак бата, Ар адамга бап бата. Арамзаада бузукту, Арабыздан тап бата. Кадимден калган ак бата, Калың журтка бап бата. Кара ниет бузукту,
Казыктай жерге как бата.
Жаңырбек Матили
* * *
Эмесе, кыргыздар көбүрөөк жаңы өспүрүм балдарга бата берет:
Көтөр бала билегиңди, Кудайым берсин тилегиңди. Бак карасын, Кызыл даарысын.
Айыкпас балаа
Жок жалаадан сактасын. Ата-бабаңдын арбагы колдосун, Эч жамандык болбосун.
Дөөтбай Молда
* * *
Көтөр балам билегиңди,
Он сегиз миң ааламдын падышасындай, Кудайым кабыл көрсүн тилегиңди. Каз каркылдап кечкисиз көл бол, Куш куркулдап, өткүсүз бел бол.
Тукумуң журтка таанылсын,
Илимиң башка толуп, Илебиң ташты жарсын. Казаның кайнап турсун, Отуң жайнап турсун. Башыңан бакыт кетпесин, Жооңа бийлик жетпесин.
Матили Абдыкерим
- * *Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа:
Баркыраган баш берсин, Уучуң узарсын, Жаның жайрасын.
Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Ырысың журттан ашсын, Көңүлүң толкуп жатсын.
Эч нерседен кем болбо.
Жусуп Мамай
- * *
Башыңан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун, Бир тууганың эсен болсун. Кыдыр сага даарысын, Кылымга атың таанылсын. Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун.
Тайыр Мамбетаалы
- * *
Бак карасын, Кыдыр даарысын. Кудай жалгасын,
Мал-башыңды
Аман кылсын баарысын.
Кудай бак берсин, Бак берсе бат берсин.
Кудайым ырыс берсин, Ырыс берсе дурус берсин.
Бактылуу бол, баштуу бол, Узун өмүр жаштуу бол. Телегейиң тептегиз, Малынып турсун майга кол. Бактылуу болуп балдары, Ачылсын багы ар дайым. Түндүктөн ырыскы куюлуп, Жолу болсун күн сайын.
Балдарыңа бак берсин,
Бакыт берсе,
Ар дайым артык берсин.
Даражасы көтөрүлүп, нур чачып, Ырыскың гөхардан чачып берсин. Бак карап, кызыр даарып, ырыс жетип, Дөөлөтү суудай агып, өсүп өнсүн.
Кудайберген Ауган
- * *Манастай билектүү бол, Каныкейдей тилектүү бол. Алмамбеттей улуу бол, Айчүрөктөй сулуу бол.
Бакайдын өмүрүн берсин,
Эр Агыштын көңүлүн берсин.
Анкар
- * *Билектүүдөн күчтүү бол,
Жалтырактан түстүү бол.
Аталуудан улуу бол, Акылдуудан кундуу бол.
Энелүүдөн эрке бол, Эл алдында серке бол.
Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Элдики
- * *
Кийимиң кептүү болсун, Элиң эптүү болсун.
Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун.
Зепер
- * *Жети мүчөл жашагын, Тартпагын жоктун азабын.
Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол.
Ак сакалдуу абышка болгула,
Ак саамайлуу байбиче болгула.
Кален Асан
- * *
Жейрендин этин ашагын, Жети мүчөл жашагын.
Аркардын этин ашагын, Алты мүчөл жашагын.
Калыйча Казыбай
- * *
Шердей үндүү бол, Жолборстой сүрдүү бол.
Ажыдаардай заардуу бол, Карышкырдай каардуу бол.
Буудайдай бутакта, Талдай шакта,
Карагайдай көгөр.
Жусуп Мамай
- * *
Алдыңды бала бассын, Артыңды мал бассын. Ак жоолугуң башыңан ообасын, Алганың менен тең кары.
Көчтө минер жоргоң болсун, Койдой киер торкоң болсун.
Өзүңдөй күйөөң болсун, Жетелээрге төөң болсун.
Үнүң угумдуу болсун,
Колуң жугумдуу болсун.
Жусуп Мамай
Кыргыз элинде жаңыдан турмуш курган жаштарга берген батасы да аз эмес. Ошолордун бирөө:
Баш алган буудайдай ыргалгыла, Кошулган талдай чырмалгыла. Ырысыңарга эр бала сүйгүлө, Суктанарга кыз бала сүйгүлө. Кайгыланбай каткырып, Кол кармашып жүргүлө.
Жусуп Мамай
Кыргыз өмүрүндө жайлоодон-жайлоого, этектен-төргө, ойдон-тоого көчүүдө өз алдынча салтанаттуу урмат. Көч алдын тосуу, көч коюн байлатуу, ак ичирип, ак бата берүү салты бар. Мисалы:
Көчүң көрктүү болсун, Журтуң жуктуу болсун.
Унааң кабыл болсун, Айланаң адыр болсун.
Кызың кылыктуу болсун, Уулуң урматтуу болсун.
Келиниң келбеттүү болсун, Торко элгектүү болсун.
Калдайып турган жер сүйсүн, Калың кыргыз эл сүйсүн.
Ичкениң тунук суу болсун, Өмүрүң түгөл дуу болсун.
Матили Абдыкерим
Көч конушуна түшкөндө да олуядай болгон аппак береке сакал абышка, же болбосо кызыл ээк балкыган кемпирлер көч ээсине, эмесе, көзгө басар баласына карап ак батасын беришет. Мисалы:
Корооң мыкты болсун, Конушуң ыктуу болсун.
Жайлооңуз чөптүү болсун, Айланаңыз көрктүү болсун.
Жайытыңыз жайык болсун, Жаш балаңдын ойногону,
Жашыл сырдуу кайык болсун.
Айды Качкын
* * *
Кочкоруң жүндүү болсун, Айгырың үндүү болсун.
Өгүзүң күчтүү болсун, Инегиң сүттүү болсун.
Кур сайыңа суу аксын,
Кылган ишиң элге жаксын.
Токтосун бий
Кыргыз эли батакөйдүү керемет. Бата берүүгө шыктанат. Берген батанын кундуулугун аңгеме дууман кылышат. Атайы аңыз кылып айылдан-айыл жайышат. Ошол көп батанын бирөө бээ байлаганда берген бата:
Кулун-тайың жөрөлгөлүү болсун, Сабааңыз көрөңгөлүү болсун. Ортого чыгып сөз сүйлөсөң, Сөзүңүз өбөлгөлүү болсун.
Желе бооң бек болсун, Желдеген касың тек болсун.
Табагыңда сүт турсун, Ашканаңда кут турсун.
Жылкыңдын үйүрү башка болсун, Кулундары кашка болсун.
Жоргосу болсо кызың минсин, Күлүгү болсо уулуң минсин.
Кас санаган оңбосун,
Камбар ата колдосун.
Матили Абыкерим
Ал эми кыргыз улуту кой саагандарга ак батасын берип кайрылат.
Кызыл кандан айрылган, Аппак сүтүң бергиниң. Чолпон ата баш болуп, Кошокту колдоп келгиниң. Бендеге чачкан ырыскы, Берекеттен тергиниң.
Жусуп Мамай
Кыргыз улуту суу кечерде да жөн өтпөйт. Сууга да арнаган атайын баталары болот:
Агымы катуу дайрадан, Алла Таала колдосун.
Суу кечкенде жетелеп, Илияс болсун жолдошуң. Шаштыра албай кыйналып, Шайтан ойго орносун. Илиястан кагажып,
Эрмен чөлгө жоголсун.
Кабыл Төлөгөн
Суу кечкендеги бата али эле кокустан чыккан бата эмес. Ал эзелки кыргыз улуту сууну тутум кылган шаман дини бар заманда эле жаралган. Мына мындай баталар дарегине караганда кыргыз улутунун ак батасы кыргыз улутуна ыр бүткөндө эле кошо жаралганын далилдеп турат. Ошентип ак бата «Манас» эпосуна да кирген.
Келин көчүрүү дагы жашоодогу шаттыктардын бириси. Кыргыздар жаңы өмүрдү жаңы ойлор менен тосуп алкап ак батасын беришет. Мисалы:
Башыңарды таштан кылсын, Урматтуу жаштан кылсын.
Бошоң эмес тың болгула, Болоттой чың болгула.
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Токтосун бий
Кыргыздар жаңыдан жашоо күткөндөрдүн турмушунун жакшы болушуна тилектеш. Алардын кайгысын өзүбүздүн кайгыбыз деп билишет. Ошого тапка түшө элек балдарга ак бата арнап, эрекче кайрылышат.
Көл боюнда талың болсун,
Көлөкөлөөр чагың болсун.
Үйүңдүн үстү жагында, Үп тартылган кайың болсун.
Короо толгон коюң болсун, Козголбос тоодой оюң болсун. Аттанып үйдөн чыкканда,
Айчүрөктөй жолуң болсун.
Казыбай Сойкун
- * *
Теңирим берген бакытты, Тепкилесе кетпесин. Кудайым берген бакытты, Кубаласа кетпесин.
Мамет Жумаматы
- * *
Эчкиң эгиз туусун, Эки жылда сегиз туусун.
Казаныңда май кайнасын, Пайгамбарым Төрүңөрдө тайраңдасын.
Абылгазы Ызак
- * *
Ат берсе ала берсин, Томолок баш бала берсин.
Эчки берсе теке берсин, Эшиги ачык меке берсин.
Пайгамбар назарын берсин,
Кызырым баарын берсин.
Кубаш Айса
- * *
Дасторконуң жабылбасын, Кайгы сага кабылбасын. Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын, Кара ниеттер асылбасын. Казынаң чачылбасын, Каймагың бузулбасын. Кайнаган казаның токтобосун, Калгандар сага окшобосун. Уулуң Урум болсун, Кызың Кырым болсун.
Кызматкериң кыдыр болсун, Бир күн эмес сызыл болсун, Колуң узун болсун.
Төрөкан Үркүмбай
- * *
Көпчүлүк көл, Көл кургаса чөл.
Чөл элге келбесин, Ал күндү Кудай Адамзатка бербесин.
Көл бөксөрбөй толкусун,
Бүгүнкү ишиң көпчүлүк, Толкуган көлгө окшосун.
Төрөкан Үркүмбай
Жыл ашындагы бата да көп. Ошол батанын бирөө:
Намысың колдон кетпесин, Касташканың талабына жетпесин.
Кеткениңдин топурагы торко болсун.
Төрөкан Үркүмбай
Мал сойгондо да айта турган сөз, арналуу батасы:
Сообу мага, жаның Кудай жолунда,
Ай мүйүздүү, ача туяктуу арналуу малым.
Адамзатмын анча эмес алым, Эрте айтып кеч калдым, Кудайым өзүң жалгагын.
Матили Абдыкерим
- * *
Жалбырттанган оттой бол,
Жайнап жаткан чоктой бол, оомийин!
Жунус Турпан
- * *
Күнүң кыяласын, Күкүгүң уяласын.
Айыке Макеш
- * *
Атам Манас Айылың алаш.
Балдарың акын чыксын, Ар санаага жакын чыксын.
Поза Жаныгул
- * *
Кыздарың сулуу чыксын, Кыр-кырынан улуу чыксын.
Малике Абдылда
- * *
Куу жыгачты кармасаң, Жашылы ток бир болсун. Куу куурайды кармасаң,
Кулпуруп турган бүр болсун.
Айша ырчы
- * *
Көйнөгүң мала болсун, Таягың ала болсун. Калпагың ак болсун, Төбөсүндө чок болсун.
Атың кашка болсун, Алты асый жашта болсун.
Камчы сабың кайың болсун, Казыгыңда дайым болсун.
Бурулкан Албан
Сапар баталары да аз эмес. Сапарда саламат келүүнү тилөө максат кылынат.
Саламат барып сак кел, Сагындырбай бат кел.
Эсен барып, соо кел, Эзелкиден оор кел.
Алдың ачылсын, Жолуңа була чачылсын.
Жолуңда өнгөн тал көргүн, Жоболоңсуз жан көргүн.
Жылан болсо өлтүргүн, Жыдыгыңа көндүргүн.
Бөрү болсо эргигин,
Тобо томук келтиргин.
Төрөкан Үркүмбай
- * *
Жаккан отуң өчпөсүн,
Ынтымак бирлик сакталып, Конушуңан көчпөгүн.
Карыбагын жашаргын, Кадимкидей жашагын.
Бай Моңол
- * *
Кызырың кыяласын, Ырысың уяласын.
Башыңан бак тайбасын, Элиңен ынтымак качпасын. Кетпес кешиктүү бол, Кеңири дөөлөттүү бол.
Өмүрзак
- * *
Улуунун жашын берсин, Жакшынын башын берсин.
Күчтүүнүн алын берсин,
Малдуунун малын берсин.
Төлөк Төрөкан
- * *
Алтындан бешик ыргап өт, Алганың менен тең карып Ай тийгендей жыргап өт.
Күмүштөн бешик ыргап өт, Күйөөң менен тең карып,
Күн тийгендей жыргап өт.
Букай Айдаркан
- * *
Кыргыз элим соо болсун, Кылымга иши оң болсун. Торолуп сабий балдарың, Толкуган көлдөй ой болсун. Ала-Тоодой козголбос, Маңдайга багы орносун. Азап чекпей кары-жаш,
Айлыңда дайым той болсун.
Жеңишиңди көралбай, Жезиттер түбү кор болсун. Айкөл Манас сиздерди, Арбагы менен колдосун.
Даярдаган Асанбай МАТИЛИ
ЭЛ ООЗУНАН
БЕКБЕКЕЙ
Укуругум майтардым эй,
Уктабай короо кайтардым эй,
Ичеги бербес байларга эй,
Ийрилип короо кайтардым эй.
Карын бербес байларга эй,
Какайып короо кайтардым эй.
Ала бир байтал бекбекей эй,
Айкалышкан тактеке эй.
Кула бир байтал бекбекей эй,
Куюлушкан тактеке эй.
Бекбекейим муңайым эй,
Бек кайтарчы Кудайым эй.
Тактекейим муңайым эй,
Так кайтарчы Кудайым эй.
Капыстан чыгып карышкыр эй,
Салбасын бизге убайым эй.
Бекбекей кетти бел ашып эй,
Көйкөлдү кууп адашып эй.
Бекбекейдин санаттан кылган баштыгы эй,
Көйкөлдүн жол билбеген жаштыгы эй!
Кара зоонун боорунан эй,
Мен коноюн бекбекей эй.
Карагаттай көзүңө эй,
Кал болоюн бекбекей эй.
Кызыл бир коонун бооруна эй,
Мен коноюн бекбекей эй.
Кызыл макмал тонуңа эй,
Жең болоюн бекбекей эй.
Мине турган атыңа эй,
Жал болоюн бекбекей эй.
Иче турган ашыңа эй,
Бал болоюн бекбекей эй.
Белимдеги таягым эй,
Чокмор эмей эмине эй,
Чогулуп короо кайтарган эй,
Жыргал эмей эмине эй.
Колумдагы таягым эй,
Ыргай эмей эмине эй.
Жабылып короо кайтарган эй,
Жыргал эмей эмине эй.
* * *
Улуу тоонун боорунан эй,
Улар аткан бекбекей эй.
Уларынын майынан эй,
Чырак эткен бекбекей эй.
Чырагына чыдабай эй,
Чыга качкан бекбекей эй.
Кара тоонун боорунан эй,
Кайып аткан бекбекей эй.
Кайыбынын майынан эй,
Чырак эткен бекбекей эй.
Чырагына чыдабай эй,
Жата калган бекбекей эй.
Ала дөбө чыңк ылдый эй,
Жериң менен куруп кал эй.
Алты улагым аңдыган эй,
Бөрүң менен куруп кал эй.
Желе дөбө чыңк ылдый эй,
Жериң менен куруп кал эй.
Жети улагым аңдыган эй,
Бөрүң менен куруп кал эй.
Бакырып короо кайтарсам эй,
Бакырчаак бала дейт экен эй.
Басып короо кайтарсам эй,
Жатып алды дейт бекен эй.
Үн салып короо кайтарсам эй,
Уктабай чыкты дейт бекен эй.
Үн салбай короо кайтарсам эй,
Уктап калды дейт бекен эй.
Торпок тоно койлорду эй,
Торуган бөрү жаның чык эй.
Эңип аны жегинче эй,
Эгизиңдин боорун же эй.
Жалмап аны жегиче эй,
Жалгызыңдын боорун же эй.
Укуругум долоно эй,
Ууру-бөрү жолобо эй.
Камчымдын сабы долоно эй,
Оңбогон ууру жолобо эй.
Ууру келсе урабыз эй,
Уруп сууга салабыз эй.
Тебетейин тебебиз эй,
Тээп сууга салабыз эй.
Камчы менен сабайбыз эй,
Караңгы үйгө камайбыз эй.
Ушинтип короо кайтарсак эй,
Ушул байлар билбедиң эй.
Койду бөрү жебесин деп,
Уруп бир сабап тилдедиң эй.
Какшап бир короо кайтарсак эй,
Калган бир байлар билбедиң эй.
Койду бир бөрү жебесин деп,
Камчылап бизди сабадың эй.
Уялбай келип мал жеген эй,
Уятсыз айбан сен белең эй.
Каргаша чыкса короодон эй,
Каргап бир шилейт байбиче эй.
Бекбекейим бек айтам,
Пейли жакшы койго айтам.
Бекбекейим бел ашты,
Белине саадак жарашты.
Ала байтал тактекей,
Айкалышкан бекбекей.
Кулун байтал тактекей,
Куюлушкан бекбекей.
Укурук учу долоно,
Ууру-бөрү жолобо.
Ууру келсе уштайбыз,
Башын айра муштайбыз.
Эл көчөрдүн белгиси – Карача каймал буркурайт,
Таң атаардын белгиси – Тараза жылдыз жаркырайт.
Бүгүн айдын он беши, Сарыбашыл ак кой төл башы.
Койдун сүтү коргошун, Кой уурдаган оңбосун.
Короомдун чети каман жол,
Кайтарган короом аман бол.
Кыз-келин короо кайтарган,
Илгертен калган салт ошол.
Короодо коюм алты жүз,
Алты айланып келгиче
Алты аркар жылдыз батпайбы,
Агарып таң да атпайбы.
ШЫРЫЛДАҢ
Сап-сап сабалар эй, Салам айттык агалар эй.
Шырылдаң айы толуптур, Көөп толкун болуптур.
Сизге сонун болуптур, Бизге оюн болуптур.
Айт десеңер айтабыз, Кайт десеңер кайтабыз.
Өзүбүз көргөн жылгабыз, Жыла-жыла чыгабыз.
Жылкыбызга жетебиз, Жылкы ичинде боз бээ саап сүтүн алабыз.
Сабабызга куябыз, Аксакалга сунабыз.
Айгыр атка минебиз, Алышып ойноп жүрөбүз.
Кунан тайды минебиз, Куушуп ойноп жүрөбүз.
Ушул үйгө туш келдик, Агам арбап[1] үй экен, Үйдө болсо үндөсүн.
Эшиктеги ким десин, Эшиктеги биз элек.
Алабоз аты турабы, Бу да болсо булкунсун Буручулу толкусун.
Агам арбап атына, Ала тердик жарашкан.
Алача тердик үстүгө, Көмкөрө эгер жарашкан.
Көмкөрө эгер үстүнө, Көк көрпөчө жарашкан.
Көк көрпөчө үстүгө, Агам арбап жарашкан.
Агам арбап колуна, Алтын кылыч жарашкан.
Алтын кылыч чабарга, Душман башы жарашкан.
Душман башын көмөргө, Боз топурак жарашкан.
Боз топурак үстүгө, Байчечекей жарашкан.
Байчечекей үстүгө, Эчки коюм жарашкан.
Эчки коюм жаярга, Эки бала жарашкан.
Эки бала колуга, Эмил чокмор жарашкан.
Эмил чокмор урууга, Боз коюң жарашкан.
Боз койду союуга, Болот кездик жарашкан.
Жоюлгандын[2] токою, Жайылып кетсин миң коюң.
Жатып калсын бир токтуң, Токту берсең токту бер, Эчки берсең эчки бер.
Эч нерсе таппасаң, Эки табак курут бер.
Курут берип кубартып, Куу шибердей кубартпа.
Таруу берип тастайтпа, Таз кишидей бозортпо.
Конок берсең кооп бер, Кол-аягың жууп бер.
Арык бойлоп келемин, Музу бар деп.
Үмүт кылып келемин, Козу бар деп.
Козу берсең керди бер, Эки энеге телди бер.
Улак берсең албаймын, Убалыңа калбаймын.
Торпок берсең байлап бер, Мурундугун майлап бер.
Чылбырыма байлап бер, Чапан берсең бул жайда, Чатыр болот ал жайда.
Көйнөк берсең бул жайда, Көлөкө болот ал жайда.
Алты аркан салса бойлогус, Алты атаңдан быякка, Байдын чоңу турбайбы.
Жети аркан салса бойлогус, Үйдүн чоңу турбайбы.
Жети атаңдан быякка, Байдын чоңу турбайбы.
Кумга коюң жайылсын, Курутка колуң малынсын,
Балдар, балдар ай, Байга бата бергиле ай.
Байдын түнү жай болсун, Балдарынын мингени, Кара кашка тай болсун.
Жамынганы парча болсун, Жумшаганың өрт жанган Калча болсун.
Үрөгөйдүн сөрөгөй, Аялыңыз эркек төрөгөй Оомийин Аллоу акбар!
[1] Арбап – мансаптуу.
[2] Жоюлган – жер аты, көөнө Улуу Чатта.
АРМАН ЫРЛАРЫ
ЧАЛГА ТИЙГЕН КЫЗДЫН АРМАНЫ
Аксуунун башы дарыя, Агар жери бир кыйла.
Алган күйөөм айласыз, Агала сакал карыя.
Көк суунун башы дарыя, Көпкө пайда бир кыйла. Күткөн күйөм дармансыз, Көгала сакал карыя.
Как башка көөнүм жылыбай, Какшадым жашым тыйылбай. Кабагы бырыш катма-кат, Карааны мага аюудай.
Аз бербедим малды дейт, Артылып камчы чабам дейт. Айлыңда баркың кетирип, Атаңа барып айтам дейт.
Как баш мага кас болду, Кара боор таш болду.
Ата-энем аны билбеди, Алган малга мас болду.
Ычкырыма муунуп,
Кутуламбы өлгөндө.
Ыракым кылаар тууган жок, Ыйлаганым көргөндө.
Кантип ичим жылысын, Каржайган жыртак бу чалга. Караймын күндө жалооруп, Кашкайып күлгөн балдарга.
Айда чачым тарадым, Аюунун көзүн карадым. Санаа деген не кыйын, Саргарды жездей ыраңым.
Көптө бирдей болбогон, Күмүштү неге жараттың. Күйгөнгө каалап тийбеген, Кызды неге жараттың?
Сатылдым пулга мал болуп, Жаралдым эмне жан болуп? Жабыркап ыйлайм солкулдап, Жашым аккан кан болуп.
Тырманып как баш уктабай, Же жөтөлбөй тим жатпай. Эриксиз жүрөм капканда, Эти тийсе жыландай.
ТӨРӨБӨГӨН АЯЛДЫН АРМАНЫ
Бешикке бала бөлөбөй, Бейпайлуу болдум. Кумдакка бала бөлөбөй, Курган жаным төрөбөй.
Эгиз козу көтөрүп, Кой аралап жүрбөдүм. Эркек бала көтөрүп,
Той аралап жүрбөдүм.
ЗОРДОП БЕРИЛГЕН КЫЗДЫН АРМАНЫ
Эмгектүү оюм чиеси, Эшилсин байдын желеси.
Көңүлүм түшпөс эримдин, Куурасын күмүш теңгеси.
Куттуу оюм чиеси, Куласын байдын бээси.
Жакасы салык, бели бош, Күл болсун жамбы теңгеси.
Бу Кудайым алакчы, Буюрган эрим карачы. Бою мага эмне суук, Буудайга сайган каракчы.
А Кудайым алакчы, Алган эрим карачы.
Акылы кыска көзүмө, Арпага сайган каракчы.
Колумдагы кош шакек, Колобу десем жез экен. Койнумдагы күйөөмдү, Жакшы десем кече экен.
Белесте Айдай кылайып, Беренге жаным ылайык. Каада болбос жаманда, Кантип жүрөм муңайып.
Капталда Айдай кылайып, Канга жаным ылайык.
Кылыгы жаман балада,
Кантип жүрөм кыйналып.
ЖАМАН АЯЛ АЛГАН КИШИНИН АРМАНЫ
Жаздын күнү күн жааса, Жар ташта калар бубагы. Жалжал этип карашкан, Жаштыктын кетер убагы.
Кыштын күнү күн жааса, Кыр ташта калар бубагы. Кылчайышып шыңк күлгөн, Кызыктын кетер убагы.
Тулпарды байлап акырга, Дорбо менен жем илдим. Алганым болбой жакшыдан, Ар кайда барып жеңилдим.
ЭРКИМЕ КОЁР ЗАМАНБЫ?
Илгери бир кедей жигиттин сүйгөнүн бир байдын баласы малдын күчүнө салып тартып алган экен. Ал жигит кызга өзүнүн ак сүйүүсүн айтканда кыздын айткан ар маны:
Эки бөлүп санаамды, Эзилтесиң адамды.
Эзилгенди эп көрүп, Эркиме коёр заманбы? Жара бөлүп санаамды, Жаңшатасың адамды. Жаңшаганды эп көрүп, Жайыма коёр заманбы?
Айтуума көнсөң сен эгер, Аргымак минип желе көр. Айылдын чети жар жакка, Ай тууганда келе көр.
Жеңилденип басалы,
Жел жеткен жерге качалы.
Кармабаса душмандар.
Кандалып бирге жаталы.
Каз айланбас жолдорго, Каз айланып конуптур. Кадырым билбес жаманга, Атакем бермек болуптур.
Аркамды жеген алты бит, Айбанга берген атам ит. Желкемди жеген жети бит, Жексенге берген атам ит.
Ителги салсаң кууга сал, Өрдөк күндө сууда бар.
Итейген чалга бергиче, Бутумду бууп сууга сал.
Арманым айтып баштадым, Атамдын малга сатканын. Алган күйөөм эп келбей, Акты көздөн жаштарым.
Эскертип айтып баштадым, Энемдин малга сатканын. Эп келе албай күйөөмө, Эрксиз акты көз жашым.
КОЙЧУНУН АРМАНЫ
Кой кайтардым шыбакка, Жибек алдым улакка.
Улакка алган жибегим, Уктатпайт менин жүрөгүм.
Кой кайтардым коктуга, Жибек алдым токтуга.
Токтуга алган жибегим, Токтотпойт менин жүрөгүм.
Конок көмөч азыгым, Кой кайтарган жазыгым.
Белеске чыгып дем алам, Дем алган жерде жеп алам. Кечкече жээрге нерсе жок, Кезерип ачка мен калам.
Отун кетпей мойнуман, Жонум бир ооруп жоор болду. Эртеден кечке мал багып, Таманым ооруп чор болду.
Эгиздеги текени, Атар күнүм бар бекен? Койчулуктан кутулуп, Жатар күнүм бар бекен?
Талаада жатып кой бактым, Талаайсыз менин шор башым. Ар кимде жүрүп кой бактым, Арылбаган шор бактым.
Арып-ачып мен келсем, Байбиче көсө менен тап берет. Эшикке чыгып мен бассам, Тезек тер деп кап берет.
Үйгө бир жатып уктасам, Байбиче жаман жемелейт. Талаага чыгып уктасам, Эчки капыр тебелейт.
Түн ичинде уйкум жок, Күндүзү менде тыным жок. Үйдө басар шайым жок,
Арманым айтар жайым жок.
Короодогу байлардын, Эзилген менен иши жок. Эндиреп кетип отурам, Эсине алган киши жок.
Курсагым ачып баратам, Ошентип ичтен кан жутам. Кайгырган менен пайда жок, Байларыңда курсак ток.
Эгиздеги балапан, Тутулар күнү бар бекен? Ушул жаман таяктан, Кутулар күнүм бар бекен?
Эзилген ушул кедейдин, Кутулар күнү бар бекен? Эзип жүргөн байлардын, Тутулар күнү бар бекен?
Айланып учуп бараткан, Абадагы булбулмун.
Алты жаштан быякка, Кордолуп келген кургурмун.
Абадагы торгойду, Алдынан тороп ким бурайт. Эзилип жүргөн кургурдун, Эсендигин ким сурайт.
КОШОКТОР
ЭРИ ӨЛГӨН АЯЛДЫН КОШОГУ
Алмалуу булак майданым, Адамдан чыккан арстаным. Жийде булак майданым, Жигиттен чыккан арстаным.
Кармалуу камчыңды, Кара ат басып сындырды. Кабылып ажал жаш молдом, Карарган көзүң кылгырды.
Толгомолуу камчыңды, Тору ат басып сындырды. Тоорулуп ажал жаш молдом, Түбөлүк жаның тындырды.
Жесирдик кетпей башымдан, Эмгекти тарттым жашымдан. Каптырган кара кырымдан, Кадырың ашкан кылымдан. Тердигиң кара кылымдан, Теңдигиң ашкан кылымдан.
Кашкарга чыны сырдаткан, Хан уулуна сындаткан. Бейжинде чыны сырдаткан, Бек уулуна сындаткан.
Аяпагымда чыным ай, Айдай сулуу сының ай. Ааламда бирге жүрдүрбөй, Ажыратты Кудай ай.
Улуу тоодо кылычың,
Убайда турат бир кызың.
Алыска кеткен кылычың, Армандуу болду бир кызың.
Айылыңда салганың, Алтын жагоо куш эле. Алдырганда кекилик, Адамдын көбү туш эле.
Көк токойдо салганың, Күмүш жагоо куш эле. Көк моюн өрдөк алдырсаң, Көпчүлүк элиң туш эле.
Акылың менен мал таптың, Азаматтай жан бактың. Ажал алып алкымдан, Акырет кетип бек жаттың.
Ойноп жүргөн ордуңдун, Ооз тийиң бозосун.
Ириктин эти аралаш, Ичкенсиң улар сорпосун.
Туурда бүркүт кагынат, Уча албай талпынат.
Уйку жукпай көзүнө, Убайлуу жарың сагынат.
Капшытта күтүп кагынат, Кайкый албай талпынат. Карааның сени көрө албай, Кайгылуу жарың сагынат.
Капшытта бүркүт кагынса, Кайгысы бардыр анын да.
Акырет сапар сен тарттың, Эми ким калат менин жанымда.
Дөөлөттү көрдүң башында, Дуулаган элем кашыңда.
Ала жатсаң болбойбу, Азапты салбай жаныңа.
Артыңда эки жаш бала, Тентек болду ар кайда. Эси жок жаман иниңиз, Ээ кылбады малыңа.
Алтымыш баштуу ак өргөөң, Айлана басып капшырдың. Артыңда балдар жаш калды, Аны кимге тапшырдың.
Токсон баштуу ак өргөөң, Толгоно басып капшырдың. Өзөктөш менде тууган жок, Мени кимге тапшырдың.
Аргасынан жетимдин, Баш байландым иниңди.
Бакылдап бөөдө тилдеди, Менин карыптыгым билинди.
* * *
Каалгаң башы кыл кыяк, Калбай калды бир туяк. Калып калса бир туяк, Какшабайт элем мен чунак.
Босогоң башы бул кыяк, Болбоду сенден бир туяк. Болуп калса бир туяк, Боздобойт элем мен чунак.
Чекенделүү сай эле, Чекеме тийген Ай эле.
Чекенделүү сай катты,
Чекеме тийген Ай батты.
Карагандуу сай эле, Кашыма тийген Ай эле. Карагандуу сай катты, Кашыма тийген Ай батты.
Күмүштөн соккон такта эле, Күндөй багым бар эле. Күмүштөн тактам урады, Гүлдөй багым куурады.
Алтындан куйган такта эле, Айдай багым бар эле. Алтындан тактам кыйрады, Ачылган гүлүм куурады.
* * * Кара кийим оңобу, Кайгым кайра толобу. Аркаңда калган жалгызды, Сактасам туяк болобу?
Кадырым билди шок эле, Жалыным жаткан чок эле.
Капшытта жолборс жатат деп, Калкыңын көөнү ток эле.
Кызарып жаткан чок эле, Кылт этсе кайра жок эле. Кырда жолборс жатат деп, Кыргыздын көөнү ток эле.
Токойлуу жерге конормун, Тозоктуу ойдо болормун. Көңүл бөлбөй сүйүүгө, Күз гүлүндөй соолормун.
Кечте сайдым өңүргө, Кейишти салдың көңүлгө. Кеште саймак көңүлдөн,
Кейиштүү болмок өлүмдөн.
Сайма сайдым өңүргө, Санааны салдың көңүлгө. Сайма саймак көңүлдөн, Санаалуу болмок өлүмдөн.
Алтындан чидер бурадым,
Аргымак минбес убагым. Алыста ыйлап жүргөндө, Артымдан издеп сурарым.
Күмүштөн чидер бурадым, Күлүктү минбес убагым. Күйүттүү болуп жүргөндө, Күйүнүп издеп сураарым.
Алтындан соккон марегим, Таптадым сенин дарегиң. Табылса сенин дарегиң, Чукуп бир берем карегим.
Күмүш саптуу марегим, Күндө издейм дарегиң. Күйөөрүм чыкса дарегиң, Чукуп бир берем карегим.
АТА-ЭНЕСИ ӨЛГӨН КЫЗДЫН КОШОГУ
Атакем, көлөкөлүү чынарым, Энекем көңүлүмдө тумарым. Байашат күнгө жеткенде, Ажал жетип суладың.
Атакем, сай боюнда чынарым, Энекем сайылма тоодо булагым. Салтанат күнгө жеткенде, Өлүмдү беттей куладың.
Кыйла көп той болгону,
Кыргыздар дуулап ойноду.
Кашка атын минип топтордо, Кайран атам болбоду.
Каадалуу той болгону, Калкыбыз дуулап ойноду. Селкинчек тепкен жерлерде, Секетим энем болбоду.
Токойлуу жерге жылкы оттойт, Толгон гүлгө суу токтойт. Туум атам көзү өттү, Тозоктуу мени ким жоктойт.
Бадалдуу төргө жылкы оттойт, Бадырак гүлгө суу токтойт. Базарым энем көзү өттү, Байкуш мени ким жоктойт.
Артымда жөлөк тоодоюм, Ар күнү мүшкүл жолдомун. Ажыздык келип башыма, Армандуу ыйлап боздодум.
Көк урчук теңир тоодоюм, Көз жеткис кыйын жолдомун. Күлпөткө калып жалынсам, Күйүттүү болуп боздодум.
* * *
Айланмалуу деңизге, Ак шумкар салып качырдым. Атакемди мен дагы, Ак топого жашырдым.
Көлөкөлүү деңизге, Көк шумкар салып качырдым. Энекемди мен дагы,
Күн тийгиз жакка жашырдым.
Базарым энем барында, Бал-шекер салган ашыма. Базарым энем өткөн соң, Байкуштук келди башыма.
Кадырлуу атам барында, Каймак салган ашыма. Кадырлуу атам өткөн соң, Карыптык келди башыма.
- * *
Өрүк бышпас сай барбы, Өрүлбөй турган тал барбы. Өкүнгөн менен айла жок, Өлбөй турган жан барбы.
Алма бышпас сай барбы, Ак себет болбос тал барбы. Ачынган менен айла жок, Ажал жетпес жан барбы?
Тобурчактын куйругун, Томугунан шүйгүнүң… Тууганың жакын балаңыз, Тобокел кылып жүргүнүң.
- * *
Энекем, калаанын суусун бойлогон, Атакем, карчыга салып ойногон. Энекем, Иленин суусун бойлогон, Атакем, ителги салып ойногон.
Атакем, торуну берген минсин деп, Энекем, торкону берген кийсин деп.
Арман ай! Атакем көзү өткөн соң,
Атаке, тору бир атка така жок, Арман ай! Энекем көзү өткөн соң, Торко бар үйдө жака жок.
Атакем, буурулду берген минсин деп,
Энекем, буулумду берген кийсин деп. Арман ай! Атакем көзү өткөн соң, Атаке буурул бир атка така жок. Арман ай! Энем көзү өткөндө, Буулум бар үйдө жака жок.
ИНИСИ ӨЛГӨН АЯЛДЫН КОШОГУ
Жашыл шурум чубалды,
Жанымда болбой медетим.
Жаш чырпык жаның куурады. Жакшы күнгө жеткенде, Жалдырап эжең ыйлады.
Текчеде чыным кыйрады, Тизиктен шурум чубалды. Күндө турбай жаныңда, Күлдөй жаның куурады. Күткөндө бейбит турмушту, Күйүттүү эжең ыйлады. Аксайдан зыркаар жел согот, Айтөргө келип эл конот.
Атандан оосо килем жүк, Атайы барып ким оңдойт. Ар жактан ойлонсом, Аккан жашым сел болот. Капталдан зыркаар жел согот, Кадуусу сайын эл конот. Топоздон оосо куржун жүк, Түзөп жибин ким толгойт. Кайгыда турат эжекең, Какшасам жашым сел болот.
КАЙНИСИ ӨЛГӨН ЖЕҢЕНИН КОШОГУ
Жаркырап нуру төгүлгөн, Жасаган иши гүлдөгөн. Жаныңа басып келе албай, Далай уста сүрдөгөн.
Мылтык болсо бузулган, Бурама чүрпө улаган. Кайран уста өнөрүн, Калың эли сураган.
Ак данакер кепшерин, Алтын оюп каңдаган.
Акылман уста экен деп, Адамдын баары даңдаган.
Көк данакер кепшерин, Күмүш оюп каңдаган.
Кылдат уста экен деп, Кылымдын эли даңдаган.
Ат жабдыгын келтирип, Аземдеп саат төктүргөн.
Чет кыргагын ак уштап, Мончоктон сирке төктүргөн.
Калпагын зарга толтурган, Хан алдында олтурган. Боз баштык зарга толтурган, Болуштар менен олтурган.
Кынап курчун сугарган, Кыймалап кылыч чыгарган. Жасоочу эле комузду, Карагай менен чынардан.
Кылычынын сабынан, Күмүштөн оюп чөгөргөн. Кашкардын ханы көргөндө, Сыйлыгым деп төө берген.
Булгаарыдан кабына, Алтындан оюп чөгөргөн.
Аны көргөн бий-болуш, Ардакташып зар берген.
Булгаары ээр каптаган, Кашына чегер кактырган. Кайран уста кылганын, Калкынын баары жактырган.
Чамгарагын жездеген, Жандын баары эстеген. Кайран уста чолпонум, Кадырың элден кетпеген.
Берекелүү колуңуз, Бейиштен болсун жолуңуз. Балдарыңдын бирөө бир, Басар бекен ордуңуз.
БАЛАСЫ ӨЛГӨН ЭНЕНИН КОШОГУ
Калкыңа баркың барында, Кадырлуу жигит чагыңда. Кабылып ажал капыстан, Карчыгаң калды багыңда.
Өз элиңе баркың барында, Өзгөгө жаккан чагыңда. Өтүп жапжаш дүйнөдөн, Өрдөгүң калды дайрада.
Айда чапса байге алган, Аргымак калды ноктодо. Азабың тартып буркурап, Эне турат жоктоодо.
КИШИ КОЛДУУ ӨЛГӨН КИШИГЕ КОШУЛГАН КОШОК
Кара чаар жолборсум, Кайберен болсун жолдошуң. Кармап алып өлтүргөн,
Касыккан душман оңбосун.
Кызыл чаар жолборсум,
Кырк чилтен болсун жолдошуң. Кыйкым таап өлтүргөн, Кысталак душман оңбосун.
Белеске жыйын курчу элең, Белиңди кармап турчу элең. Белсенип келген душманды, Безилдетип куучу элең.
Кайкыга жыйын курчу элең,
Кайкалап тиктеп турчу элең. Качырып тийген душманды, Каптал менен куучу элең.
БААТЫРКАНДЫН КОШОГУ
Илгери Какшаал жергесинде Баатыркан деген эсирген бай өткөн экен. Анын бир нече аялы болгон экен. Байлыгына чиренген Баатыркан бир күнү: «Аялдарымдын кимиси күйөрман экен, кимиси кошокчу экен билейин» – деп ойлоп, аялдарын жыйнап алып: «Мен азыр өлгөн болуп көшөгөгө кирип жатам, силер мени кошкула» – дейт экен. Тирүү кишини кантип кошобуз, деп башка аялдары ынабай койгондо, токолчосу чачын жазып, кара кийип, терс карап отуруп кошкон экен. Ошол кошок «Өлбөй туруп коштурган Баатыркандын кошогу» делип жүрүп, кийин «Баатыркандын кошогу» делип калган экен.
Тегерете коргонуң,
Тегиздин баарын соргонуң. Өлбөй тирүү коштурган, Ой, Баатыркан ойронум.
Кыдырата коргонуң,
Кылымдын баарын соргонуң. Өлбөй тирүү коштурган, Ой, Баатыркан ойронум.
Саяктан барып бирди алдың, Санаамды басат деп алдың. Санааңды ачпас жаманды, Зар корутуп не алдың?
Бугудан барып бирди алдың, Муңумду ачаар деп алдың. Муңуңду ачпас жаманды, Пул коротуп не алдың?
Аксайдан барып мени алдың, Акылы жок деп алдың.
Акылы жок жаманды, Күйөөрүм, Анда барып не алдың?
Алабашта коргонуң, Ааламдын баарын соргонуң. Өлбөй тирүү коштурган, Ой, Баатыркан ойронум.
Төрт көлдөн тандап туз алган, Төрт көкүл тандап кыз алган. Кыз алганда мени алган, Мен карабет тул калган.
Беш көлдөн тандап туз алган, Беш көкүл тандап кыз алган. Кыз алганда мени алган, Мен карабет тул калган.
Чоң Какшаал ылдый жел болот, Чоң тамга келип эл конот. Чоюлуп жаткан бейбактын, Эми айласы не болот?
Кең Какшаал ылдый жел болот, Кең тамга келип эл конот. Керилип жаткан бейбактын, Эми айласы не болот.
Капталдай учкан ала куш, Канаты талган бала куш. Эртеден кечке карасам, Энеке кайда кеткен балаңыз.
Адырда жылкы алабаш,
Аргымак күлүк аралаш,
Аргымак тандап минүүгө, Ой, Баатыркан ойронум, Артыңда калган бала жаш.
Тоодогу жылкы алабаш, Тобурчак күлүк аралаш.
Тобурчак тандап минүүгө,
Ой, Баатыркан ойронум, Тобуңда калган бала жаш.
САНАТ ЫРЛАРЫ
АЙТЫП БЕРЕЙИН
Жары келсе жай алган,
Бечара келсе бел алган.
Мусапыр келсе буксаган, Олуя март байкаган, Жерден айтып берейин.
Кыямат кылыч белинде, Курч болот найза колунда. Чарайнасы боорунда, Олут чайкар соорунда. Кылычы кынга батпаган, Жоо дегенде жатпаган. Эрден айтып берейин. Калемдей кашы чийилген, Кайкалап бели ийилген. Колунда кайчы жез оймок, Уздан айтып берейин.
Эгизге чыккан кайыңдай, Аргымак аттын тайындай.
Энеси боюн өстүргөн,
Богогу салык мойну кез,
Кош анарын күйгүзгөн
Кептер моюн дутар бел,
Минген атың кыл канат, Кийген тонуң үч кабат. Атан төөсүн иштетип, Азамат эрлер пул табат.
Бар болбой малың чачылбайт,
Жок болбой жолуң ачылбайт, Башыңа мүшкүл иш түшпөй, Малың арзан чачылбайт.
Чырмаган мээнет кетпесе, Чындап ажал жетпесе Баш жаздыктан тартылбайт. Баш жаздыктан кеткенде, Бар оокатың татыбайт.
Тил күрмөдөн өткөндө, Тириктигиң табылбайт. Эки көзүң жумулса, Көргөн күнүң татыбайт.
Жан алкымга келгенде, Бар оокатың табылбайт. Буудайдан тилиң бурулуп, Нур чырайың куурулуп. Жамгырдай жашың төгүлүп, Бедендериң сөгүлүп.
Акырет жайга барганда, Чымындай жаның куурулуп.
Өтө ширин көрүнөт,
Кайыр кылып кол менен
Актан ажал жеткенде,
Кары дебей, жаш дебей Кете берет жол менен. Акыреттин кербени, Акыры болот арманы. Кептер жана дүнүйө, Өтүп кетип баратат.
Бири учса, бири конуп,
Өтүп кетип баратат. Ажал жетип күн бүткөн, Өлүп кетип баратат.
Кайыр кылып көл менен, Акыретте табалбай, Акыры болот арманы.
Такасы болот жоргонун, Таалими болот молдонун. Акылы болот пенденин, Сообабы болот селденин.
Короо толбой кой болбойт, Боолуу шумкар жоголбойт. Эгем эки кылбаса, Пенденин пейли оңолбойт. Жалгыз жыгач үч болбойт, Ыкыбалы келбесе.
Журт башкарып бий болбойт, Жолборстон туулган шер болот, Шердей белдүү эл болот. Жамбынын баары ак болот, Жандарда сулуу арс болот. Ак көңүл адам март болот, Такабур адам дат болот. Кушту учурган пар болот, Эрди учурган зар болот.
Куш жаманын сурасаң, Кулалы менен сар болот. Кыргыйым салдым кыр менен, Кыз баласы сыр менен.
Алпурушуп тең ойноп, Өтүп кетсем кыз менен, Өмүрүң өтсүн эр жигит.
Бир кара көз жар менен.
Кептердин мойну көк болот, Кемпирдин жары жок болот. Кыргыйдын мойну көк болот, Кыз баласы көп болот. Маңдайлашып келгенде, Жүрөк күйүп өрт болот.
СҮЙҮҮ ЫРЛАРЫ
I
Керме тоо бийик жеримден, Кебелбей чөбү жетилген. Керилип барып бир өпсөм, Кебезден аппак бетиңден.
Чоң Каражүл жеримден, Чоң байлык элге келтирген. Чоюлуп барып бир өпсөм, Чолпондон жарык бетиңден.
Ойлонсом күнүм аккан сал, Оболоп учпай болдум дал. Ойроттон сендей таппасам, Ойнобой Кудай отко сал.
Кылчайсам күнүм аккан сал, Кылактап учпай болдум дал. Кыргыздан сендей таппасам, Кыйнабай Кудай отко сал.
Сарала моюн соносуң, Сайга барып коносуң. Сагызгандай кулпуруп, Кимдин жары болосуң.
Көк ала моюн соносуң, Көлгө барып коносуң. Көгүчкөндөй кулпуруп, Кимдин жары болосуң.
Сай жакалай от жактым, Саралама кош арттым.
Саралам тартат кошумду,
Сагындым кой көз досумду.
Көл жакалай от жактым, Көкалама кош арттым.
Көкалам тартар кошумду, Көрбөдүм кой көз досумду.
Сагызган учпас сап токой, Сарпайын жүктөйт бир ногой. Сагынып жүрөм канчалык, Сагыныч болсоң келе кой.
Көгүчкөн учпас көп токой, Көрпөчө жүктөйт бир ногой. Көп сагынып мен жүрөм, Көңүлдөш болсоң келе кой.
Сууга салдым салымды, Ичиме салдың жалынды.
Ой, байкелеп эркелеп, Кетирдиң жаман алымды.
Чач мончогуң шурудан, Таппадым издеп уруудан. Кыргызда сиздей жок экен, Чыкпаса тили бурудан.
Аркамда шуру чач мончок,
Ар качан көрсөм көөнүм ток,
Айткан менен зарланып, Адамда сиздей асыл жок.
Салынганың тор жоолук, Басасың секет толгонуп. Алган жар сиздей болбосо, Асыл жан өтөт кор болуп.
Сапсап учкан таранчы, Сабын бузбай саначы. Сап кыздардын ичинде, Саналаш барбы карачы.
Топтоп учкан таранчы, Тобун бузбай саначы.
Топ кыздардын ичинде, Туйгунум барбы карачы.
Мен кайнага, сен келин, Кудайым берген эрмегим.
Качымыш болуп жүрө бер, Жашырын болсун бергениң.
Кайниси болбой келиндин, Кайнага болуп калганым. Бул дүйнө жалганда, Кудайга чоңдур арманым.
Аркырап аккан кашка суу, Аргымак минсем кечким жок. Алганың жаман көрбөсө, Айлыңан асили кетким жок.
Күркүрөп аккан кашка суу, Күлүк минсем кечким жок. Күйөөң жаман көрбөсө, Күндө айлыңдан кетким жок.
Күн чыгат тоодон тептегиз, Күдөргө баккан кой семиз.
Күлүң барда ойноп күл, Күрмөлүп келбейт он сегиз.
Ай чыгат тоодон тептегиз,
Адырга баккан кой семиз. Алың барда ойноп күл, Айланып келбейт он сегиз.
Элечегиң дакиден, Эрмегиң сонун бакиден.
Жоолугуң учу шайыдан,
Жоругуң кызык баарыдан.
Көйнөгүң жибек кош этек, Көркүң жанды дегдетет. Кулагыңда иймегиң, Кубулат күндө кийгениң.
Карарган тоонун камышы, Какшатат жолдун алысы. Кайда жүрөт болду экен,
Кадырман жандын таанышы.
Бозоргон тоонун камышы, Боздотот жердин алысы.
Буралып кайда жүрдү экен, Болжолсуз жандын таанышы.
Ителгидей көзүңөн, Ич ооруткан сөзүңөн. Илгертен тааныш боло албай, Итчилик кетти өзүмөн.
Балапандай көзүңөн, Балдан ширин сөзүңөн. Баштатан тааныш боло албай, Балалык кетти өзүмөн.
Кыялың панар жангандай, Кымызга суусун кангандай. Кылыгың эске түшкөндө, Кыйналамын ар кандай.
Порумуң панар жангандай, Бозого суусун кангандай. Порумуң эске түшкөндө, Бузулам боздоп ар кандай.
Тар капчыгай кызыл бел, Талабым сенсиң колуң бер. Тамашаң эске түшкөндө,
Тамчылап агат көздөн сел.
Анык шумкар мен таптым, Ала жибек боо тактым.
Анык жарым келет деп, Айды санап мен жаттым.
Көк туйгун шумкар мен таптым, Көк ала жибек боо тактым. Күйүшкөн жарым келет деп, Күндү санап мен жаттым.
Карашың канды кайнатат, Кадырың тилди сайратат.
Кайыктай болгон жел кыял, Канткенде тынчып жай жатат.
Карасаң, көзүң моймолжуп, Калыпка тартып койгонсуп. Кадырман колго тийбедиң, Караңгы түндө ойготуп.
Карасаң көзүң кылгырып, Какшык сөз айтып жылдырып.
Качан колго тиесиң,
Кара жанды тындырып.
Чымчыктар ашык гүлдөргө, Чырпыкка конуп сүйлөргө. Чыдатпай жаштык кызытат, Чындап көңүл сүйгөнгө.
Караны минсем бургутам, Камчыдай белиң бир тутам. Кайырма жака, кош этек, Кадырың кантип унутам.
Кызылды минсем бургутам, Кымча белиң бир тутам. Кызыл көйнөк кош этек, Кылыгың кантип унутам.
Кара кыя кең кашат, Кадуусунда мал жатат. Кадырың эске түшкөндө, Кайгы менен таң атат.
Кызыл кыя кең кашат, Кыясында мал жатат. Кылыгың эске түшкөндө, Кыйналуу менен таң атат.
Канатың болсо калдайган, Учуп жетсем маңдайдан. Алып кетсем бөктөрүп, Арылаар элем убайдан.
Мингеним байдын боз жорго, Салам айтам досторго. Кетсе менден кеткендир, Кечириңиз бир жолго.
Таң атардын салкын жел, Таанышалы жакын кел. Азыноолак таркасын, Көкүрөктө каткан чер.
Жароокерди сагынам, Жадабастан ыр жазам. Жанымда жүрсө жароокер, Жараган асыл казынам.
Карашың сырды чечишкен, Кадырман жалжал жетишкен. Кашкая күлүп кол берчи, Кыялбай турам кетиштен.
Ай тийген тескей бел алыс, Айлыңа мурун мен тааныш. Ажырап алыс кетпеске,
Азаптуу секет кол алыш.
Күн тийген тескей бел алыс, Күйөөңөн мурда мен тааныш. Күдөрүң үзүп кетпеске, Күйүттүү секет кол алыш.
Бетиң кызыл табылгы, Бейпайга салдың жанымды. Артыкча жанды кыйнабаң Алсаңчы ичтен жалынды.
Бетиң кызыл жошодой, Беш мүнөт колум бошобой. Таарынба менден оорунуп, Турмуштун жайы ошондой.
Бетиң кызыл алмадай, Базардан сатып алгандай. Көз карашың бир порум, Күн нуру жерге чалгандай.
Сурмалуу көзүң ак маңдай, Сүрөткө боюң тарткандай. Алмадай бетиң албырып, Алтын менен жапкандай.
Копшогондой жумуруң, Колдоруңдун салаасы. Сыздатып ичти күйгүзгөн, Сурмалуу көздүн карасы.
Шакегиң алтын сарыдан, Акылың артык баарыдан.
Талыкпай издеп жайы-кыш, Таппадым кыргыз калкынан.
Күлсөң тишиң кашкайган, Күзгүдөй бетиң тастайган. Талаанын гүлү өзүңдөй,
Таппадым издеп ар кайдан.
Сүйлөсөң сөзүң булбулдай, Сүрөтүң сындуу кыргыйдай. Алкымыңдын таттуусу, Ак шекер кошкон балыңдай.
Кыргыек деген кыраан куш, Кыр ташка барып конгон жок. Кылыкташып жүрүүгө, Кыштообуз бирге болгон жок.
Жагалмай деген жапан куш, Жар ташка барып конгон жок. Жанашып бирге жүрүүгө, Жайлообуз бирге болгон жок.
Таң атаардын салкын жел, Таанышалы жакын кел. Тамашаңды ойлосом, Тамчылап агат көздөн сел.
Секетбай деп ырдаймын, Секеттин көөнүн кыйбаймын. Секет менен бир болсом, Сел каптап кетсе туйбаймын.
Табышың күмүш үнүндөй, Таасириң жаздын күнүндөй.
Таалайга жалгыз бүткөнсүң, Талаанын кызыл гүлүндөй.
Атыңан айтсам эл билет, Алтыным десем ким билет. Ала качма күпүр сөз, Арылгандай сезилет.
Сүзүлөсүң ак маңдай, Сүрөткө боюң тарткандай. Эки бетиң албырып,
Алтын менен жапкандай.
Урматыңа таң калам, Ушунча калк дубандан. Урматтуу сиздей табалбай, Убара болду курган жан.
Кош билерик, кош этек, Кол салаамда болсочу. Кол булгашып ойноорго, Корообуз чукул болсочу.
Сары белден көрдүм бир гүлдү, Сан гүлдөн башка ыраңдуу. Санабай коём десем да, Саргартып алдың көңүлдү.
Күлүктү минсең күндө мин, Күндө жаның кубансын. Күлүктү берип бирди албай, Күлүктү баштан жоо алсын.
Жоргону минсең жолдо мин, Жолдо жаның кубансын. Жоргону берип бирди албай, Жоргону баштап жоо алсын.
Ак чайнектин чоргосу, Акылдаш жандын ордосу. Кийик аткан ак бараң, Кеп айттырган убарам.
Көк чайнектин чоргосу, Көңүлдөш жандын ордосу. Кийик аткан көк бараң, Кеп айттырган убарам.
Сүрөтүң алдым почтодон, Сүрөтүң сонун окшогон. Сүрөтүң үн катпады,
Сырымды айтып боздосом.
Тектир-тектир, тектир саз, Тебишип ойнойт өрдөк-каз. Теңтушу эске түшкөндө, Тегеренет көздөн жаш.
Курбу, курбу, курбу саз, Куушуп ойнойт өрдөк-каз. Курбусу эске түшкөндө, Куюлуп агат көздөн жаш.
Капшытыман жел болсо,
Кайра тартып жамынам.
Кара тубар эндейди,
Какшасам да таппаймын, Кадырың артык сендейди.
Кыбыламан жел болсо, Кыя тартып жамынам. Кызыл тубар эндейди. Кыйналсам да таппаймын, Кылыгың артык сендейди.
Кызарып күйгөн жалынсың, Кымбаттуу менин жанымсың. Кылайтып көңүл оорутпас, Кылыгың кантип арылсын.
От кылган ичти жалынсың, Оюмда менин жанымсың.
Отуңуз таптуу болбосо, Оюңду кимдер сагынсын.
Алыстан келдим айлыңа, Айткан сөздөн айныба. Азыраак сабыр кыла тур, Адашкан менин айбыма.
Булбулдай тилиң сайраган, Ботодой көзүң жайнаган.
Муңдаша албай обочо, Бук болуп ичим кайнаган.
Таң атканча сайраган,
Тилин таңга кайраган,
Тартар да тең, мен да тең, Тамшанттың кургур мени сен.
Күн чыкканча сайраган, Күндө тилин кайраган.
Күкүк да тең, мен да тең, Күйдүрдүң кургур мени сен.
Күйгөндөн айтам бир далай, Көңүлдөн кетпейт жыргал ай. Антташкан жарым сиз болуп, Ашкере жүрүп жыргабай.
Жылкымды салдым кыраңга, Жыргалым барсың ырымда. Келишкен сөздүн анты үчүн, Кезиксем мейли кыйынга.
Сайрап ырдайм шаңшыбай, Зарыкпаймын тамчыдай. Сага ашык мен болдум,
Жаанша менен Шамшыдай.
Күндө ырдаймын казандай, Күйүтүмдү басалбай.
Күдөрүм сенден үзбөйүн, Гүлмайра менен Асандай.
Сулуулугуң байкасам, Сулайман алган перидей. Турмушуңду көргөндө,
Турамын кантип эрибей.
Күндө ырдаймын зерикпей, Күйүп жүрөм үн жетпей. Күйүттүү зарым тең болду, Күкүк менен Зейнептей.
Мен бактыма таарынам, Бербеди Теңир не аргам. Сакталып мага калганбы, Зулайка Жусуп зарынан.
Булбулдар сайрайт шаңшыбай, Кубултуп үнүн ар кандай.
Болгомун ашык башынан, Бозжигит менен Жамалдай.
Ай толгончо мен толсом,
Айдай нурдуу сен болсоң,
Алышып ойноп жүрүүгө, Антташкан жарым сен болсоң.
II
Айлыңдын берки мойногу Ашууда бутум сойлоду.
Ажал жетип, күн бүтпөй, Айрылып калдым бир жолу.
Базардын берки мойногу, Басалбай бутум сойлоду. Бөрү болуп жоо чаппай, Бөлүнүп калдым бир жолу.
Көгөрүп турган көк какыр, Көгөрүп чөбү каткандыр? Көкарым мени дегенде, Көнөктөп жашы аккандыр? Көнөктөп жашы акпаса,
Көз тааныш башка тапкандыр.
Агарып турган ак кадыр, Агарып чөбү каткандыр. Алтыным мени дегенде, Айланып жашы аккандыр. Айланып жашы акпаса, Айлынан башка тапкандыр.
Кереге таш кең күңгөй, Кетериңди мен билбей. Кетериңди мен билсем, Кеп айтып тим жүрбөй.
Бозала таш боз күңгөй, Болжолуңду мен билбей.
Болжолуңду мен билсем, Бозала болбой тим жүрбөй.
Жору айланбас чокуга, Жору айланып конуптур. Жок эле кепке шылтоолоп, Жолобой койсоң болуптур.
Каз айланбас чокуга, Каз айланып конуптур. Калп эле кепке шылтоолоп, Карабай кетсең болуптур.
Сай боюнда сары өрдөк, Сары аласы бир бөлөк. Сагынсам жаным кантейин, Санаабыз бирге жан бөлөк.
Көл боюнда сары өрдөк, Көк аласы бир бөлөк.
Көксөсөм секет кантейин, Көңүлдөр бирге жан бөлөк.
Ырдайын десем уялам,
Ыраңым кетип кубарам.
Ырдачу аяш болбосо, Ырдап кимге муңаям?
Жийделүү булак алача, Жийдеси бышат жанаша. Жийделүү бакта бир өрүк, Жигиттин гүлү тамаша.
Алмалуу булак алача, Алмасы бышат жанаша. Алмалуу бакта бир өрүк Азамат гүлү тамаша.
Асманда булут жылбайбы, Аяктап мөндүр куйбайбы? Асылкечтен кат келсе, Адамдын көөнү тынбайбы?
Көктө булут жылбайбы, Көнөктөп жамгыр куйбайбы? Көңүлдөштөн кат келсе, Көңүлүм бир кур тынбайбы.
Тетиги тоолор кайыңдайт, Тел болуп ичим жалындайт. Теңтушум сага кошпогон, Тескери менин багымды айт.
Өйүзгү тоолор кайыңдайт, Өрттөнүп ичим жалындайт. Өзүңүзгө кошпогон, Оң келбес менин багымды айт.
Тамеки чектим кумарга, Таанышып ойноп турарга. Таанышым кетип алыска, Тамеки калды кумарга.
Бопороз чектим кумарга, Боорукер ойноп турарга. Боорукер кетип алыска Бопороз калды кумарга.
Алтын така, кызыл ат, Айды көздөй сызылат.
Асылкеч сени ойлосом, Арсыгып көөнүм бузулат.
Күмүш така, кызыл ат, Күндү көздөй сызылат.
Көкарым сени ойлосом, Көңүлүм кыйын бузулат.
Ак жибек менен кайыган, Актай сайган такыям.
Айлымда турса өз агам, Ашынып кимге зарыгам.
Кар жибек менен кайыган, Карага сайган такыям.
Калкымда турса өз агам, Кар болуп кимге зарыгам.
Караны минсем бургутам, Камчыдай белиң бир тутам. Кайырма жака, кош этек, Кадырың кантип унутам.
Кызылды минсем бургутам,
Кылычтай белиң бир тутам. Кыйма көкүл, узун чач, Кылыгың кантип унутам.
Элесиң Айдын жарыгы,
Эпкиниң оттун жалыны. Эстейсиңби, кандайсың? Эрмегиң сенин сагынды.
Ак жоолугум нечен түр, Алыска кетсең эсен жүр.
Алыска кетсең келерсиң, Айлыңа жайбай бекем жүр.
Көк жоолугум нечен түр, Көп алыс кетсең эсен жүр.
Көп алыс кетсең келерсиң, Көп элге жайбай бекем жүр!
Кадууга чыгып олтурсам, Каракаш улар ышкырат. Кара жан эске түшкөндө, Кандай адам иш кылат.
Керүүгө чыгып олтурсам, Керме каш улар ышкырат. Келиндер эске түшкөндө, Кеңгиреп кимдер иш кылат.
Кат жаздым алтын эстелик, Кадырыңды эскерип. Кантели тагдыр шол экен, Каалаган ойго жетпедик.
Унутулбас эстелик, Улутунам эскерип. Узун түндөр бир жатып, Улуу сырды чечпедик.
Комузга үнүм кошоюн, Кой сааган жерден тосоюн. Кой сааган жерге чыкпасаң, Короздой мойнум созоюн.
Обонго үнүм кошоюн, Уй сааган жерден тосоюн. Уй сааган жерге чыкпасаң, Улардай мойнум созоюн.
Оролуп чыккан шыралжын, Ойноп турсак бир алдын. Ортодон чыккан кас душман, Олоңдоп эмне кылалсын.
Күнгөйгө чыккан шыралжын, Күлүп алдык бир алдын.
Көңүлдөн сүйүп сыйлашсак, Көр душман эмне кылалсын.
Күнгөйгө чыккан карагат, Көрүштүк курдаш саламат. Көрүшпөй айлар көп өтүп, Көп кебим калган аманат.
Жашчылык жаштын курамы, Жаш бойдон адам турабы. Жаш чакта ойноп күлбөсө, Жанабы адам кумары.
Ак көйнөгүм кынама, Акыреги сылама. Айласыз сөздү көп айтып, Анча эле мени кыйнаба.
Көк көйнөгүм кынама, Көкүрөгү сылама.
Көп эле сөздү ашырып, Көз тааныш мени кыйнаба.
Алкымың аппак күзгүдөй, Адамдын сугу түшкүдөй. Арак болуп калсаңчы, Аз-аздан куюп ичкендей.
Бетиң аппак күзгүдөй, Пенденин сугу түшкүдөй. Бээнин сүтү болсоңчу,
Бирткеден куюп ичкидей.
Күмүшпү десем калайбы, Күйбөсө адам жадайбы.
Күйүттүн күчү болбосо, Күкүк деп булбул сайрайбы?
Сүйлөгөн сөзүң алтындай, Кепереттин[1] кантындай. Болор болсоң түзүк бол, Ар кимге барып чарпылбай.
Коктуга чыккан шайырды, Койлор мойнун кайырды. Койкоңдоп жүргөн секетти, Койнуман Кудай айырды.
Жылгага чыккан шайырды, Жылкылар мойнун кайырды. Жылмаңдап жүргөн секеттин, Жытынан Кудай айырды.
Эки бөлөк кара жол, Эңкүгө чыгат кызыл гүл. Эки күндүк дүнүйө, Эрмегиң болсо ойноп күл.
Алты бөлөк кара жол, Аскага чыгат кызыл гүл. Аз эле көрөр дүнүйө, Алганың болсо ойноп күл.
Ак көйнөгүм желпинткен, Ак талаанын шамалы. Акылымды дегдеткен, Асылкеч жардын амалы.
Көк көйнөгүм желпинткен, Көк талаанын шамалы.
Көңүлүмдү эргиткен, Көңүлдөш жардын амалы.
Чаар арча менен Таш кыя, Ат минбей чыктым пияда. Амандыкты айта бар, Алтыке бизди сураса.
Кара кыя, Кескен таш, Кадырың өттү ничке каш. Кадырыңды ойлосом, Кара суу болду ичкен аш.
Кызыл кыя, Кескен таш, Кылыгың өттү ничке каш. Кылыгыңды ойлосом, Кымыран болот ичкен аш.
Кайчы кулак кара атым, Кара атым эмес канатым. Катындарды көргөндө, Какшап ырдар адатым.
Топчу кулак кара атым, Тору атым эмес канатым. Топ жубанды көргөндө, Токтобой ырдар адатым.
Тайган салдым күзүндө, Сары талаа түзүндө.
Сан асылды теңебейм, Беш көкүл кыздын жүзүнө.
Комузум барбы чалганга, Амалым барбы жалганга. Чыдабаска чара жок, Күйүт күчүн салганда.
Карчыга шакка конбойбу, Канунга карап ойнойлу.
Канун жолдон азгырып, Калкыңа таба болбойлу.
Турумтай шакка конбойбу, Турмушка карап ойнойлу. Турмуш жолдон азгырып, Тууганга таба болбойлу.
Жашылала чарбактын, Жанына койгон булбулмун. Жаш он беште кошулган, Жабырын тарткан кургурмун.
Кызылала чарбактын, Кырына конгон булбулмун. Кыз он беште кошулган, Кыйнооңду тарткан кургурмун.
Койчу ушул дүйнөңдүн, Кордугун көрдүм күйгөндүн. Кудай өзү кош көрүп, Колуна берсин сүйгөнүн.
А койчу ушул дүйнөңдүн, Азабын көрдүм күйгөндүн. Алла Таала кош көрүп, Ар кимдин берсин сүйгөнүн.
Улуу тоодо улар бар, Уйкулуу көздө кумар бар. Улутунтуп сен кетсең, Ортобузда Кудай бар.
Жеңуч сайдым жең үчүн, Жеңил баа болдум сен үчүн. Жеңил баа болсом мейличи, Сен кандайсың мен үчүн?
Колкап сайдым кол үчүн, Кордук көрдүм сен үчүн.
Кордук көрсөм мейличи, Сен кандайсың мен үчүн?
Кекилик учат жем үчүн, Кейибе теңтуш мен үчүн. Кебиңен танбай жүрө бер, Кейигеним сен үчүн.
Карчыга учат жем үчүн, Кайгырба теңтуш мен үчүн. Каралдуу сөздөн тайбай жүр, Какшаганым сен үчүн.
Кара кыя кептештен, Кадырың кетпейт эч эстен. Карчыгам качты колуман, Канчадан бери жем жешкен.
Кызыл кыя кептештен, Кылыгың кетпейт эч эстен. Кыргыйым качты колуман, Кыйла күнү жем жешкен.
Алты айлык жол жүрсөм, Арыбайт менин чалышым.
Азап экен турбайбы,
Айрылып сенден калышым.
Тогуз айлык жол жүрсөм, Токтобойт менин чалышым.
Тозок экен турбайбы, Томсоруп сенден калышым.
Бетиң кызыл жошодой, Беш мүнөт колум бошобой. Келбейт деп келин таарынба, Оокаттын жайы ошондой.
Карасаң көзүң кылгырып, Какшык кеп айтып жылдырып.
Качан колго тиесиң,
Кара жанды тындырып.
Ай тийген тоонун этеги, Айланган өрдөк кетеби? Алтыным чыкса жарк этип, Ак жашыл гүлдүн чечеги.
Күн тийген тоонун этеги, Көнгөн өрдөк кетеби? Көкарым чыкса жарк этип, Көк жашыл гүлдүн чечеги.
Алты басып теңселип, Айлымда жоктур сенчелик. Кер мурут жигит ойлоп көр, Келиндер күйбөс менчелик.
Кара шайы жоолукчан, Кадырың санап оолуксам. Канчага чыксам мейличи, Кадимки жайда жолуксам.
Керимбак менен Назарбак, Кечкече окуйм мен сабак. Кептешип окуп жүрүүгө, Келиндин дили айтамак.
Коргон менен Назарбек, Козголбой окуйм мен сабак. Кумар жазып жүрүүгө, Койкөз келин айтамак.
Кетмекчи болдум алыска,
Кетти деп келин таарынба, Кетсем кайра келермин, Келерки күзү-жайында.
Комузду алсам колума, Кошо кетет абаным. Кош болот экен курган жан, Кошулуп калса карааны?
Көк тамеки ачуусу, Чылымда жок найда бар. Алтынымдын келбети, Адамда жок Айда бар.
Тегеретип караса, Тереги чыгат жанаша. Теңдигине албаса, Тек эле болот каргаша.
Кадырлуу жарым өзгөчө, Кадырың биздин өзөктө. Кадырыңды ойлосом, Кандайча жатам төшөктө?
Жаным секет өзгөчө, Жалының биздин өзөктө. Жалыныңды ойлосом, Жатамын кантип төшөктө?
Жарк этип сонун күлөсүң, Жайдарым сенин мүнөзүң. Жазбас Кудай болсочу, Жаштардын кылган күнөөсүн.
Элирип сонун күлөсүң, Эрекче элден мүнөзүң.
Эсепке жазбас болсочу, Эмики жаштын күнөөсүн.
Агарып асман сүзүлсө, Ай көрүнөт кылайып.
Айылда жаштар аз эмес,
Алтыным жанга ылайык.
Көгөрүп асман сүзүлөт, Күн көрүнөт кылайып. Көп жүрөт жаштар элимде, Көкачым жанга ылайык.
Ак мектеп болду туругум, Айнектей Аппак тунугум. Алыска кетип асылым, Азабын тартып курудум.
Көк мектеп болду туругум, Күзгүдөй болгон тунугум. Күнчүлүк кетип секетим, Күйүтүн тартып курудум.
[1] Дүкөндүн.
ЖАҢЫЛМАЧТАР
Эркебай атам эт ашатар, Эт ашатса беш ашатар.
Кулалы деген куш имиш,
Аны томоголомок мүшкүл иш имиш.
Маңдайдагы бадал арал,
Бадал аралды оттогон мала кашка бала марал.
Кудаяр деген бир кудам бар эле, Же мен аны кудалай албадым, Же ал мени кудалай албады.
Жолоочуларды жоромолдогула, Келбери майпайбай деп олурая карады.
Керегедей аңдан жыгылып, Кемегедей аңдан корктум.
Аңдан коркпой андан корктум.
Май каймак, бал каймак,
Кайсысы бал май каймак?
Ай, тайкарбай, тайкарбай, Коюңду акшагылга жай, тайкарбай.
Тайкарбай, майкарбайлар толуп жатат, Ай, тайкарбай дегениң кайсы, тайкарбай?
Үй үстүндө боз көрпө, Боз көрпөдө кырк сирке. Кырк сиркени мен кырк сыктым, Кырк сирке мени кырк сыкты.
Пай-пай кошулган кандай, Жаңылбай жалмай менен бал май.
Кыркы кызыл куйрук, кызыл куйрук, Ичинде кызыл кыргый кыл куйрук. Кызыл кыргый кыл куйрук.
Тай тайлак малы-мал, Тай-тайлап балам ал.
Балам эмей анан эмнем ал.
Көчкөндө төөң комдойдун, Үрөндү үйүң оңдоюн. Кулундай корооң коргоюн, Калп айтсам оңбоюн.
Той-тойлоп, той-тойлоп,
Толгон жан тойдобу, тойго той тойлоп?
Эки түлкү силкишет, Эки тигиш тигишет.
Оттун жанына майлуу сорпо төгүлдү, Сиңер сиңбес, сиңип койбос.
Үркүнбайдын үйүн силк, Үрүп чыккан итин силк.
Арык кызын алдап силк,
Каткан кызын кармап силк. Капшыттарын кайра силк.
Ак таш акпы?
Кара таш акпы?
Жол боюнда жорго тоок, Жолго токтобойт. Кол башындай коргошун Колго токтобойт.
Эл энесин көтөрмөлөйт экен, Мен энемди көтөрмөлөй албадым.
Бир котур атан, бир котур атанга бир
колтук отун артам.
Эки котур атан, эки котур атанга эки
колтук отун артам…
Сен келесиң кара таш, ак үңкүрдөн, Мен барамын сум таш, ак талаадан.
Кезип жүрөт ачка ток болуп.
ТАБЫШМАКТАР
- Алтымыш киши аякташат,
Эртең менен туруп таякташат.
- Кичинекей медерим,
Жер түбүнө жетерим.
- Тий-тий десем тийбейт, тийбе десем тиет.
- Эрте турдум, эки айра жолго кирдим.
- Чий түбүндө чылгый кайыш.
- Караңгы үйдө каман күркүрөйт.
- Баспайт, желбейт, текиреңин жазбайт.
- Изи бар, кадамы жок.
- Төрт булак бир ороого куят.
- Ичи ток, көлөкөсү жок.
- Үйдү айлана жүгүргөн ала күчүк.
- Эртең менен кетет илек-илек, Кечиндеси келет илелеп.
- Топтомолок бир гана
Ичине кирсең бир калаа.
- Эл жатса да Элебай акем жатпайт.
- Тептим, терекке чыктым.
- Токой толгон чаар ат.
- Кичинекей бою бар,
Аңтара кийген тону бар.
- Талаага таруу чачтым.
- Кара тоону бир желек,
Бүт чапса кең жетет.
- Аттан бийик, иттен бас,
- Бир итим бар кабааган, Оозуна кийиз жамаган.
- Буту жок басат,
Оозу жок сүйлөйт.
- Коюм кара, короом ак, Койчум ырчы, тили так. Таягы учтуу ойдолоп,
Кармаганда колго чак.
- Бассаң басат, өзүңөн калбайт. Турсаң турат, өзгөгө барбайт.
- Ат баштуу, арка мүйүздүү,
Бөрү көөдөндүү, денеси муунак, бөкөн сындуу.
- Эшек кулак, уй мүйүз,
Ача туяк, казык бут. Жазы маңдай кургуруң, Кескен өңдүү куйругу.
- Үчөө ынтымактуу дешет, Бирөө куюлуп түшөт.
Бирөө кубанып ичет, Бирөө жасанып өсөт.
- Ат эмес жүгүрөт,
Уй эмес өкүрөт.
- Учпайт, конбойт, жерге тийбейт, Же жарык күн көрбөйт. Ааламды бүт өрт алса, Эч бир жери отко күйбөйт.
- Жалгыз көздүү, жалгыз буттуу, Бир кемпир бар эң күлүк. Жүгүргөн сайын жип куру, Ороло берет көбөйүп.
- Бир жылаңач баатыр бар,
Оттон, суудан кайтпаган.
Ибин алса колуна,
Киши жок иши жакпаган.
- Үнү бар, тили жок, Мындай дешке өңү жок. Чырмап алган дүйнөнү, Жандуунун ансыз күнү жок.
- Эки эмес, үч бут го, Көтөргөнүн кактайт отко. Күйдүм-быштым дебестен, Так ортодо турат го.
- Сакчым бар сатып алган, Болоттон сөөгү жаралган. Кичине тилин билбесең, Жол бербес жатка адал жан.
- Териси бар, түгү жок, Эти бар, сөөгү жок. Карды толгон жык бала, Бир таттуу таптым тамаша.
- Ары тоо, бери тоо, Ортосунда сары тоо.
Табышмактардын жандырмактары
- Кирпик. 2. Көз. 3. Эрин. 4. Шым. 5. Жылан. 6. Тегирмен. 7. Бешик. 8. Чарыктын изи. 9. Уйдун эмчеги. 10. Ороо. 11. Кырчоо. 12. Түндүк жабуу. 13. Боз үй. 14. Уйдун мүйүзү. 15. Үзөңгү. 16. Китеп. 17. Кирпи. 18. Жылдыз. 19. Жоолук. 20. Ээр. 21. Капкан. 22. Кат.
- Калем, кагаз, жазуу. 24. Көлөкө. 25. Чегиртке. 26. Элик. 27. Жамгыр, жер, өсүмдүк. 28. Поюз. 29. Балык. 30. Ийик. 31. Ийне. 32. Суу. 33. Тулга. 34. Кулпу.
- Коон.
- 36. Туурдук, кереге, чий.
МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Элим деген озор.
Элден безген тозор.
Эрден безсең да, элден безбе.
Уу ичсең, урууң менен ич.
Элдүү жетим зор, элден азган кор.
Эрсиз эл жесир.
Эмгексиз жер жесир. Эл аралаган сынчы,
Токой аралаган уйчу. Эл бар жерде эр бар.
Эл кулагы элүү.
Өнөрлүү эл озор, Өнөрсүз эл тозор.
Дили ачыктын колу ачык, Эл сүйгөндүн жолу ачык.
Элге жаккан кор болбойт.
Атаң барда эл тааны, Атың барда жер тааны.
Эрдин сынчысы эл, Эр намысы – эл намысы.
Балыктын күнү суу менен, Баатырдын күнү эл менен. Катын намыс үчүн кара киет, Эр намыс үчүн жоого кирет.
Кыйын жигит кыйланы билет, Кыраан шумкар кыядан илет.
Баатыр кол баштайт ар жерде, Чечен сөз баштайт тар жерде.
Эр энөө болот.
Жакыр болсоң баатыр бол.
Бай болсоң кайрымдуу бол.
Жоо качкан соң баатыр көп, Жоо аяган жаралуу, Катыны болот каралуу.
Эр элин коргойт, Эсер өзүн коргойт.
Эр жаңылса колго түшөт, Куш жаңылса торго түшөт.
Тулпар этин оорлобойт, Султан сөөгүн кордобойт.
Баатыр сүрөөсү менен, Сөз жүйөсү менен.
Эрдин малы элде жүрсүн, Эриккенде колго тийсин.
Бөрүдөн корккон кой бакпайт.
Ага-ини ынтымагы – абысындан.
Айыл ити ала болсо, бөрүнүн ырысы. Акмак өзүнө тартат, Акылман көпкө тартат.
Ыркты бузган эркеси, Кызды бузган жеңеси.
Ыркы кеткендин ыгы кетет.
Жалгыз жүрүп жол тапканча, Көп менен жүрүп адаш.
Жараны тырмап ырбатпа,
Жакының менен чырлашпа.
Көпкө жараган Кудайга жарайт.
Көпкө карап таш ыргытпа.
Тамакты таттуу кылган туз.
Алысты жакын кылган кыз.
Эки жарты – бир бүтүн, Эки жесир – бир түтүн.
Өгөй – өөнчүл, Жетим – кекчил.
Көсөө карыганын билбейт,
Тантык жеңилгенин билбейт.
Мен болбосом кимдин кызын алаар элең?
Терең суу менен бойлошпо, Билимдүү менен ойношпо.
Билген билгенин иштээр, Билбеген бармагын тиштээр.
Сураган билим алат, Уялган кийин калат.
Ачуу келсе акыл кетер,
Ачуудан акыл көп болсо нетээр?
Алтын тапкыча акыл тап.
Ат минилбесе аяктан кетет,
Азамат эмгек кылбаса акылдан кетет.
Арак ичкен тойдо мас, Акылы жок күндө мас.
Аңчың кечиксе алдынан чык.
Ай караган суукка тоңот, Бай караган ачка өлөт.
Ат алсаң, ай кеңеш, Катын алсаң, жыл кеңеш.
Башы жок ойчул, Малы жок уйкучул.
УЧКУЛ СӨЗДӨР
Элди баккан жер өлбөйт, Жер экен эне тарыхта. Эр төрөгөн эл өлбөйт, Ийбептир эл баш ажалга.
- * *
Баарын бирдей санаган, Эл үчүн тууган азамат. Жанын кыйган эл үчүн, Аты өчпөй нур чачат.
- * *
Кой чүкөсү дебестен, Колуңа жакса сака кой. Жашы кичүү дебестен, Элиңе жакса ата кой.
- * *
Адал сүйлөп, адал иште, Акыйкат сенден адашпайт. Карапайым калыс бол,
Калкың төмөн санашпайт.
Жадырай сүйлөп жатык бол, Жакындашкан адамга. Жатып бербе жалтактап, Жайыңа көнбөй урганга.
- * *
Жакын көргөн досунан, Мал аяган оңорбу. Эл четине жоо келсе, Жан аяган оңорбу.
- * *
Ат башына күн түшсө, Ооздугу менен суу ичет. Эл башына күн түшсө, Өтүгү менен суу кечет.
- * *
Бөлтүрүктү бакпагын, Иттей болбойт кыялы. Душманга өздөй караба, Тийбей койбойт зыяны.
- * *
Бакылдаган текени, Суу кечкенде көрүп ал. Баатырсынган жигитти, Жоо келгенде көрүп ал.
- * *
Таза болсоң, суудай бол, Баарын жууп кетирген. Калың болсоң жердей бол, Баарын чыдап көтөргөн.
- * *Ынтымагы бар элдин, Жарыла сүйлөйт чечени. Ынтымагы жок элдин,
Жабыла сүйлөйт нечени.
Ынтымагы бар элдин, Адилет болот улугу. Ынтымагы жок элдин, Арадан чыгат бузугу.
- * *
Ынтымак-ырыс бар болсо, Элиңе таалай-бак конот.
Ынтымагың жок болсо, Бир тууганың жат болот.
- * *
Көп жакшылык кылдың нечендерге, Кир десең кирет кара жерге. Билбедим кээ бирлери, Мылтык атты как мээме.
- * *
Даамы болбос көп сөздүн, Кечке дейре какшаган. Бир ооз акыл билим артык, Ат башындай алтындын.
- * *
Аял аялдан неси артык, Акылмандуу киши артык. Малдан малдын неси артык, Бир-эки кесим эти артык.
- * *
Мен баймын деп мактанба, Бир жардылык башта бар. Биз көппүз деп мактанба, Ар жалгыздык башта бар.
- * *
Көктөбөсө жамгырлап, Кайырсыз жаздан кыш артык.
Тар жер, тайгак кечүүдө,
Эрлердин кылган күчү артык.
Малды баксаң, койду бак, Ак май кетпейт чараңан. Абдан ийи келишкен, Ак тон кетпейт учаңан.
- * *
Эсиң кетсе эчки бак, Эчки тууйт эки улак. Эшигиңен эрмен жеп, Сүтүн берет үч убак.
- * *
Омурткасын оркойтуп, Орокчул болот кембагал. Кабыргасын каркайтып, Кайраттуу болот кембагал.
- * *
Ороо толгон даны бар, Дасторкон толгон наны бар. Терин данга айланткан, Айланайын дыйкандар.
- * *
Кышты Кудай урарда, Күн жылымдап жаз болот. Эрди Кудай урарда, Элүүсүндө таз болот.
Байды Кудай урарда, Дөөлөтүнө мас болот. Ханды Кудай урарда, Өз элине кас болот.
- * *
Өмүр доолуу аккан суу, Токтобойт болот кишен сал. Айта жүрсүн урпактар, Күчүң барда иштеп ал.
- * *
Кептен кеп тууйт, Кебезден бөз тууйт.
Кемелине жеткенде, Келинден мурун кыз тууйт.
- * *
Адилет болсо жакшысы, Карабайт жарты тыйынга. Баарын бирдей тең көрүп, Баспайт элин чыгымга. Жемекей болсо башчысы
Желкелеп элин жүдөтөт. Жесе дагы ал капыр, Жетишпей жүрүп күн өтөт.
- * *
Айрыласың ырыстан, Төрт түлүктү бакпасаң. Кор болосуң түбүндө Арамдыкты жактасаң.
- * *
Кабак чытып сүйлөбө, Бирөө келсе жаныңа.
Жан теңебесең боюңа, Ким жолойт сенин кашыңа.
- * *
Ойдун түбү терең ор, Батасың да кетесиң. Тобокел деген жел кайык, Учасың да жетесиң.
- * *
Жорго жолдун парманы, Жокчулук эрдин арманы. Жорго жолду арбытат,
Жокчулук эрди карытат.
Күлүк жолдун парманы, Күйүт эрдин арманы. Күлүк жолду арбытат, Күйүт эрди карытат.
- * *
Ай тийген тескей муз болот, Алтынды соксо муз болот.
Айда чачын тараган, Айнекке бетин караган Алтын көкүл кыз болот. Алтын көкүл уз менен, Акылман жигит дос болот. Акылман жигит дос менен, Акмак урган кас болот. Күн тийбес тескей муз болот, Күмүштү соксо муз болот.
Күндө чачын тараган, Күзгүгө бетин караган Күмүш көкүл уз болот.
Күмүш көкүл уз менен, Күйөрман жигит дос болот. Күйөрман жигит дос менен, Көөдөнсүз акмак кас болот.
* * *
Каз жүргөн жерге куу жүрбөйт, Кападар отко ким күйбөйт. Кадырды билбес катындар, Кайгырганды түк билбейт.
Куу жүргөн жерге каз жүрбөйт, Кусадар отко ким күйбөйт. Сыйды билбес катындар, Куураганды түк билбейт.
Эл оозунан жыйнагандар: Толкун ТУРДУ, Ыслам ЫСАК, Норуз ҮСӨНАЛЫ, Жумакадыр ЖАКЫП, Токтонияз АБДЫЛДА, Айткул КЕРИМ, Амантур БАЙЗАК. Даярдаган Абдылда КАРАСАРТОВ
ЭЛДИК МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Жоктун жону катуу, Буканын мойну катуу.
Айлың ала болсо, Эки атың шала.
Күн булут болсо, Соору өтүк тулуп болот.
Айлыңда жаргылчак болсо, Казаныңдын калаасы.
Айлыңда бир ушакчы катын болсо, Кудайдын жиберген балаасы.
Бийди кул десең, күлкүсү келет, Кулду кул десең өлгүсү келет.
Коло сары, жез сары, алтын сары, мис сары.
Кызыл чеке мушташса, Кызыгы бар уруштун. Майга салып бышырса, Ширеси бар күрүчтүн.
Ачта жеген куйканы, Токто унутпа. Токто жеген куйканы Токто унутпа.
Жашыңда кылжың болсоң, Карыганда мылжың болорсуң.
Таяк тайга жеткизер Тай атка жеткизер.
Келиндин аягынан,
Койчунун таягынан.
Куттуу конок келсе, Коюң эгиз тубар.
Кутсуз конок келсе,
Коюңду карышкыр чабар.
Кою бардын – ою бар.
Миң койлууга кылапат айтпа.
Миң койлууга карышкыр тийсе, Бир койлууга бычак ала жүгүрөт.
Баарына бирдей койчу болсоң, Кул болорсуң. Баарына бирдей тойчу болсоң, Куу болорсуң.
Мал арыгын сактаган, ооз майлар Киши арыгын сактаган төбө каңдар.
Карысыз нуска болбойт, Узунсуз кыска болбойт.
Өзөн башы ашуу болот, Жардын башы кечүү болот.
Ишенбиде иш кылбас,
Доңуз түгүн таштабас.
Шейшембиде тексиз бил, Жаңыдан ишти баштабас.
Ачтын тогу бар, Арыктын семизи бар.
Токол катын тойдо жок, Токол эчки койдо жок.
Баланы жашынан Катынды башынан.
Жакшыны жатым дебе, Жаманды досум дебе.
Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт.
Жардыга берген кыз куруйт, Чокойго кийген бут куруйт.
Өзүңдү жаттай сыйлагын, Жат жанынан түңүлсүн.
Кишинин кишиси бар, Чийкинин бышыгы бар.
Өңгөгө бирөө баталбайт, Өгөөгө бүлөө өталбайт.
Аттууга жөө жете албайт,
Экини минген кеч калбайт. Элчен деген ач калбайт.
Жаман катын алганча, Бойдок жүргүн карганча. Жаман бычак алганча Тиштеп жегин тойгончо.
Эки жакшы бириксе Мелжеген эттей. Эки жаман бириксе Ыркыраган иттей.
Жакшы менен жамандын баркы Асман менен жердей. Уул жаманы убара,
Келин жаманы кетпес кезик. Кыз жаманы – кыроо.
Досуңдун үйүнө келсең, Жоонун тамагын ичкендей ич.
Чарбанын түбү – кенч, Сооданын түбү – берч.
Баш күнүнөн балага Жаман кылык үйрөтпө. Аксакалдан озунуп, Бышыксынып төргө өтпө.
Азаматтын жакшысы
Жүк көтөргөн атандай. Азаматтын жаманы Көп сүйлөгөн катындай.
Кыз баланын жаманы Жазгы конгон коноктой. Үй-бүлөсүн жүдөтөт Мизи мокок ороктой.
Жакшы болор балаңды Асты базар көрсөтпө.
Узун куйрук – сагызган, Кыска куйрук – тоошкан. Кандуу калпак кийишсе, Карап турбайт туушкан.
Туулдум – өлдүм, Тутандым – күйдүм.
Асманда булут бар болсо, Малым бар деп ойлобо.
Мээнет кетпейт бечелден, Кеп кутулбайт чеченден.
Атып жаскан жаман, Айтып качкан жаман.
Кырк жылы кыргын болсо да, Бейажал чымын өлбөйт.
Жаманга жалпаңдаба мал бар деп, Эшекти сылабагын жалы бар деп.
Жаман киши мал тутса,
Жанына коңшу жайлатпайт, Жаман атка жал бүтсө, Жанына торсук байлатпайт.
Топ ойногон тозор, Ашык аткан азар.
Биринчи байлык – ден соолук, Экинчи байлык – ак жоолук.
Үчүнчү байлык – бел боолук, Төртүнчү байлык – боз соолук.
Көргөнүңдөн көп болор көрбөгөнүң, Далай ишти көрөрсүң өлбөгөнүңдөн.
Жалгыз аттуу жарышчаак,
Жаман тондуу урушчаак, Ырысы жок таарынчаак, Соргок болор суусаак.
Бий болбогон бий болсо, Сүйлөбөгөн сөз калбайт. Бай болбогон бай болсо, Оттобогон жай калбайт.
Сабырдын түбү сары алтын, Саргарган жетет муратка. Ашыккан калат уятка.
Жаманды жасоол койсо,
Жалгыз баласынын көзүн чыгара чабат.
Мээнеткечке береке, Мээнетсиз адам келеке.
Малдуу болсоң – жарыксың, Беймээнеткеч – карыпсың.
Жамы жатакчы биригип, Жарты башча болгон жок. Жамы жылдыз биригип, Жарты айча болгон жок.
Атайы жолдош жок болсо, Жүгөнүң алып атка бас. Айлыңда жакшы жок болсо, Таягың алып датка бас.
Миң ооз бир болсо, Бир ооз тек турат.
Көп бириксе ажаанды кармайт.
Эрди мээнет чырмаса, Катуу турат пирине. Кушту мээнет чырмаса, Катуу тиет торуна.
Куш асманда, тор жерде, Ниети калыс эрлерге Кудай берет ар жерде.
Ат аяган жер карайт, Жер караган не карайт? Куш аяган көк карайт, Көк караса көп карайт.
Бул элдик макал-лакаптарды өткөн кылымдын 20–30-жылдарында окумуштуу Ф.А.Фиельструп чогулткан.
Анын ‹Из обрядовой жизни киргизов начала ХХ века», деген китебинен алынды. Наука, Москва, 2002-жыл.
К.ЖУСУПОВ
БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫНА ЖАНА РУХИЙ МАДАНИЯТЫНА ОЙ ЧАБЫТ
Непада Батыштын же Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнө мейманга барып калсаң, а дегенде соборлорго, кечилканаларга, чиркөөлөргө, мечиттерге же тоо-таштагы табигый эстеликтерге ж.б. эл сыйынган, табынган ыйык жерлерине баштап барышат, салт, жосундарын биринчи көрсөтүшөт. Бул наркка айланган. Ыйык жайдагы адамдардын жылдыздуу ажары айжаркын, ачык. Анда улуу Кудай, ыйыктар жана адамдын тилек-ниетинин, денесинин, анан ишинин тазалыгы жөнүндө сүйлөшөт.
Ошондо ойлойсуң, дин деген, аттиң, совет доорундагыдай тар, жолу бурмаланган түшүнүк эмес экен, ал адамзат тарыхында алмустактан бери келаткан улуу кең жол жана нарктуу салт, асыл осуят, акылмандык, рухий сабак, ыйман кенчи экен. А бизди басмырлагандар далай мезгил бу рухий асылдыктан куржалак калтырган турбайбы?! А момун, баёо, сыпайы эл ошого баш ийип, көнүп берген экенбиз.
Мен эми динди баягыдай мокочо көрбөй, акаарат кылбай калдым. Анын ыйык экенине жана кудуреттүү жолунун узактыгына биротоло көзүм жетти.
Байыркы түп аталарыбыз узак тирилигинде нечен ыйыктарга, динге табынып-сыйынууну башынан кечирди. Байыркыдан беркисин санасак: аңыздык пирлерди ыйык тутуу, бакшылык дини, теңир тааным, манихейчилик, буддизм, ламаизм, ислам дини. Ошолордун ичинен башкалар таңуулабаган бакшылык (шамандык) менен Теңир дини кыргыздын жанына жакыны, кайрымдуусу, жашоого тээк, таянарга тоосу, насаатчысы болду, өздөрү бапестеп алган ишеними эле. Бул ишеним мунажат сак, хунну доорунда б.з.ч. кылымдарда эле рухий маданиятыбызга баш баккан.
Ислам дини тарай баштаганга (VIII к.) чейин бакшылык менен Теңирчиликти кыргыздар бери дегенде он эки-он беш кылымдай ылымдашып жашаган экен. Кейпи, өздөрүнүн жашоо-турмушуна, ой-санаасына шайкеш келген көчмөндүк Теңирчиликке жакын окшобойбу!
АҢЫЗ (МИФ)
Миф түшүнүгүнүн кыргызча мааниси аңыз, уламыш, болмуш, баян дегенге жакындап барат. Дагы чечмелеп жандырганда, байыркы бабаларыбыздын акыл-түшүнүгүнүн, чыгармачыл дареметинин жетишинче өздөрүнүн тиричилиги, алгач ыйыктары, пирлери, колдоочулары, бабалары, баатырлары жөнүндө элден мурда ойдон чыгарган керемет «жомоктору». Мындай укмуштуу ажайып жомокторду дүйнөнүн далай элдери оозеки да, жазып да чыгара алган. А мүмкүн, азыркы бизге жомок болгону менен байыркы бабаларыбыздын салты, дүйнө таанымы, чыныгы эле жашоосудур.
Байыркы бабалар ой-санаасын, мамилесин жана жашоо-тиричилигин керемет (символ), тариз (образ) аркылуу түшүндүргөн. Аларга бардык нерсе таза жана ыйык көрүнгөн. Ошондон улам аңыз жаралса керек. Ушунусуна шүгүрчүлүк, эгерде ошо береги бабалардын ой-түшүнүгү, тазалыгы, ыйык санаганы, чыгармачылык ой жүгүртүүсү, апыртма кыялы болбосо, анда биз ого бетер рухий жарды, бечел болуп жашап калар элек.
Аңызды керемет түшүнүү дегенибиз – байыркы бабалардын кыял менен Теңир Ааламга тете жетип, аны чабыттаган рухий жашоосундагы өтө эргиген кыялдануусунун үзүрү.
Кыргыздын оозеки жашап келген аңызын ырга айланткан улуу «Манас» эпосу байыркы доорду, ал-акыбалын дал өзүндөй баяндап тургансыйт.
«Жармы төгүн, жармы чын Жарандардын көөнү үчүн.
Жанында болгон киши жок,
Жалганы менен иши жок,
Байыркынын калпы көп. Калпынан да алпы көп».
Абай салсак, аңыз жомоктон да мурда жаралган көрүнөт.
Жаш кезибизде байыркы грек, рим тарыхын жана аңыздарын мектепте керемет жомок экен деп кызыгып окуганыбыз эсимде.
Кейпи кыргыз оозеки чыгармасы, эпостору, санжыра жана аңызынын усулунда өскөн адамга башка элдердин өнүккөн аңызынын мазмуну, көркөмдүгү, көз караш фантазиясы, драмасы жана рухий дөөлөттөрү көп жагынан жакын жана окшош көрүнөт белем.
Кыргыз оозеки чыгармаларынын түп пайдубалын аңыз түзөт көрүнбөйбү.
Аңыздардын эң эскиси – бабалардын Теңирчилик доорундагы айбанаттар, Ай, жылдыз, Күн ж.б. жөнүндөгү элестетүүсү болсо керек. Адамдын акыл-эс, ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы улам өскөн сайын аңыздык түшүнүк төрүнүн мазмуну тереңдеп, ыйыктары сыйда жана кеңири өзгөрүп-өсүшкө ээ болгон.
Наристе чоочун дүйнөнү аруу карагандай, байыркы көчмөндөр да аалам жаратылышына, табиятына, анын кубулуштарына, жан-жаныбарлар дүйнөсүнө таң калуу менен карап, теребели жана жашоосу жөнүндө ойлоно баштаган. Алар өздөрү чыгарган аңыздарынын көбүн чындык катары да кабыл алышкан. Ааламдагы табият кубулуштарынын, жаныбарлардын, адамдардын, өсүмдүктөрдүн, алардын кесиптеринин жана кылык-жоруктарынын өз-өзүнчө атасы, пирлери, колдоочусу, ээси болот жана алар касиеттүү жана ыйык келет дешкен, аларга сыйынышкан, ылайыктуу аттарды беришкен.
Боорукер пирлери көктө жашайт, жерде жер-суунун колдоочулары жана эң алдыңкы катмарда тири укмуштуулар, адамга жамандык каалагандар жана аны жасагандар, өлгөндөр жашайт дешкен. А балким, аңызда кудайлар, периштелер, укмуштуулар канчалык көп болсо, алар ошончолук даражалуу, бийик болсо, чогуу, бирге аралаша жүрсө, алар адамдардын жашоосуна керектир, адамдардын азаптуу жашоосу ошончолук жеңил болор, дүйнөнү ыйык көрөр, аларды эш тутар, коркуп-үркүүсү аз болор, аны урматтап, сыйлап-таянышар, мүмкүн, касиеттүү-сырдуу зыйнаты ошончолук артар, өзүнүн пирлерине кесирленбей, чанбай, жашоого сергек карар, чыныгы аруу, таза, ишеним менен жашар.
Айрыкча аңыз кыргыз оозеки санжырасын өтө кооздоп, зоболосун көтөрүп, көркөмдөп турат. Аңыздарда элдин кыялы, ой-чабыты, акылмандыгы, кудурет-күчү, баскан жолу, дин түшүнүгү, көркөм сөз өнөрү камтылган. Ал эми элдин бардык көркөм чыгармачылыгында, төрт сап ырдан баштап, жарым миллион сапка жеткен улуу эпосуна чейин аңыздар ширелип камтылып турганын билебиз.
Кыргыздын Теңирчилик дүйнөсүндөгү жаратылган алгачкы аңыздары кийин, ислам дининин пайда болушунан баштап, араб, иран сөздөрү менен түшүнүктөрүнө ылайыкташа өзгөрүүлөргө кабылды.
Эми аңыздардын чын-калпын XX кылымда жанды сабап териштирүүнүн деле зарылчылыгы жоктой, алар чындыктын элегинен небак эле өткөн, билимдүү, маданияттуу, цивилизациянын адамы дин ишенимине, рухий дүйнөсүнө жараша аны өзү эле териштире алат эмеспи. Азыр деле кыргыз аңыздарынын тарыхын, табият-дүйнөсүн, философиясын түшүндүрмөлөө, баяндоо, динийадабий жанаша сөздүктөрүн түзүү алиге колго алынып, изилдене элек.
Батышчыл окумуштуулар береги байыркы аңыздык дүйнө таанымды да жогору жана төмөнкү даражадагы аңызга бөлүшөт да, көчмөндөр аңызынын баа-баркын ылдыйга түшүрүшөт. Менимче, батыштын аңызынын көбү акылдан атайы ойлонуп чыгарылган жана байыртан бери нечен кылымдар бою жасалма түшүндүрмөлөр кошулуп, эзелки өңү өчүп, сүрүлүп, түпкү өз ажарын жоготуп койгондой, ажайыпканадагы кооз сөлөкөткө айлангандай. Чындыгында, көчмөндөрдүн аңызы, дээриндеги кооздугун, астейдил мазмунун жана аруу касиетин жоготподу. Ал жаңы түшүндүрмөлөргө, баяндоолорго, жаңы көз карашта изилдөөгө гана муктаж болуп турган аянычтуу абалда.
Кыргыз рухий маданиятын изилдөөчүлөр аңызды мазмуну боюнча адамдар сыйынуучу рухтар жөнүндөгү аңыз, жаратылыш кубулуштарына байланышкан аңыз, сыйкырдуу күчтөр жөнүндөгү аңыз жана ата-текке карата чыгарылган аңыздар деп бөлүштүрөт. Тактап айтканда, байыркы бабаларыбыз Жаратканга, Теңирге, Умай энеге табынган, Жер-Сууга тайынган, ата-бабалардын арбагына сыйынган, отту куттуу касиет көргөн. Андан башка толгон ыйык, касиет туткандары да болгон.
Биз окурманга кызыктуудур деп кыргыздар сыйынган рух аңызына токтолдук жана жалпы аңыздардын ичинен пирлерди санап кетүүнү ылайык таптык.
Кыргыз аңызында көптөгөн пирлер (ыйыктар) бар. Кыргыз элинде байыртадан макал сөз келет: «Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт». Эл аны Теңирчилик дооорунан бери айтып келген. Ал пирлер өздөрүнөн мурда адамдын өмүрүн, амандыгын, сырткы коркунучтан, балээден күрөш менен коргойт деген. Учурунда ар бир Пирдин символдук белгиси болгон.
Кыргыз аңызында төмөнкү пирлерди айтышат:
Көкө Теңир – асмандын, көктүн пири.
Күн Теңир – күндүн пири.
Жер эне – кара жердин пири.
Кыргыз ата – кыргыз элинин пири.
Умай эне – аялзаттын, наристенин, молчулуктун пири.
Калкаман – элдин пири.
Элеман – журттун пири.
Малабай – малдын пири.
Адам ата – адамзат пири.
Кыдыр ата (Кызыр ата, Жылаңач ыйык) – адамды колдоочу, жөлөөчү, бакты-таалай бере турган жакшылыктын, бейпилдиктин, жолдун пири.
Секелек сары кыз (Асан шайыр) – акылдын пири.
Зулайка-Жусуп – сүйүүнүн пири. Ак тайлак – шамандыктын пири.
Имам Мазам – соодагерчиликтин пири.
Камбаркан – күүнүн, обон, абаздын пири.
Баба Дыйкан (Боз кептер) – эгин, дандын ээси, дыйканчылыктын пири.
Улукман – табыпчылыктын пири.
Кырк чилтен – жоокерликтин, эр азаматтын пири.
Очок эне (От эне) – оттун, сүйүшкөндөрдүн пири.
Шайык баба – акылдын пири.
Үтүкан (Тастар ата) – тоонун пири.
Күлдүр ата – жамгырдын, чагылгандын пири.
Дөөтү ата – устанын жана бакшылардын пири.
Сулайман (Сувай) – суунун пири.
Үркөр ата – жылдыздын пири.
Жел кайып – шамалдын пири.
Бай терек (Чынар) – дарактын пири.
Аяз ата – сууктун пири.
Жез тырмак (Желмогуз, Зыяндаш) – жамандыктын, кара ниеттиктин пири.
Кырдач – чилденин пири.
Ак байбиче (Кайберен) – кийиктин пири.
Ибрагим Хилшулла – там, дубалдын, топурактын пири.
Дөөлөт куш – бакыттын пири.
Шахмерден – жигиттин пири.
Шаймерден – жыландын пири.
Заңги баба (Заңги ата, Үзөңгү баба) – уйдун пири.
Ак мүйүз – топоздун пири.
Чие ата – чычкандын пири.
Кумайык – иттин пири.
Чолпон ата – койдун пири.
Камбар ата – жылкынын пири
Ойсул ата – төөнүн пири
Шыйпаң ата (Чычаң ата) – эчкинин пири.
Какчеке – чүкө оюндун пири.
Алп кара куш (Буудайык, Чегир баян) – алгыр куштардын пири.
Коросон ата – эмчиликтин пири.
Дулдул (Желмаян) – күлүктүн пири.
Ак бугу – Темирдин, намыстын пири.
Бүбү Батма (Фатима) – казан-аяк, үй жумушунун пири.
Кара чаян – курттун пири.
Черте баян – чегирткенин пири.
Кумпа баян – кумурсканын пири.
Солтон мерген – суурдун пири.
Жоламан – жолдун пири.
Ордо кыз – оюндун пири.
Куланчы – аңчылыктын пири.
Кыргыздын байыркы тарыхына кайрылганда эске алар нерсе: арабдар Орто Азияга келгенге чейин теңиртоолук кыргыздар энесайлык бир боордошторундай отко табынып, ата-бабанын арбагына сыйынган. Алардын аңыздык түшүнүктөрү, ыйык көргөн пирлери опокшош болгон.
Байыркы бабалардын аңызынын, пирлеринин, ээлеринин кээ бир ысымдары азыркы кезде рухий маданиятта, басмада айтылбай унутулду жана бөлөк көчмөн уруулардын, элдердин мифтерине оолашып, бутташып кетти. Айрым жазмаларда эзелки кыргыз аңыздарында жүздөй пирлер болгонун эскертишет. Божомолдогондо Чагылган (Чагыл хан) – булут, жаандын пири болушу ыктымал. А мындай мисалдар, боолгоолорду далай жолуктурууга болот.
Ал эми аталган пирлердин санжырасына, тек-жайына, тилдик жагынан изилдөөгө, аңыздын чыгышынын таржымал-тарыхына токтолууну жана чечмелөөнү кийинки бир ыңгайлуу кезекке калтырдык.
БАКШЫЛЫК
Биздин Он-Арча айлында акыркы бакшы элүүнчү жылдарга чейин жашады. Балдар да, чоң кишилер да андан сестенишчү жана ыбаа көрүшөр эле. Бакшы жазында, көктөм маалында арчадан албууттанта от жактырып, оттон секиртчү, өзү оттун чогун жыңайлактанып алып кечип кетчү. Отко орокту кызартып, тили менен жалачу. Ал адамдарды дарылаганда боз үйдөгүлөрдү камчы, таяк менен сабап, буркан-шаркан түшүп чарк айланып, үйдү тегеренип жүгүрүп, короодогу малдардан секирип, түндүккө чейин чыгып кетип, оозунан ак көбүк атып зикир чалар эле, бизге бакшы оюн көрсөтүп жаткандай болчу. Алар оору адамдарды, малды эмдээрде комуз чертип же аса таягын силкилдетип, жинин чакырып, жан-алекетке түшүп сүлкүлдөшкөн. Кээде итче үрүп, жылкыча кишинеп, койчо маараган учурлары болот.
Орто Азия менен Батыш Шибер (Сибирь), аймагында байыркы көчмөн уруулардын эң эски жана байымдуу дини бакшылык болгон.
Б.з.ч. VI кылымда эле бакшылык дини байыркы көчмөн сак, хунну, кыргыз, үйсүн, дөөлөстөрдөн кытайларга ооп барышы ыктымал. Бул учурда кытайлар менен көчмөндөрдүн ортосунда элчилик, соода жана рухий-маданий байланыш күчтүү болгон.
«Шаман» сөзү тунгус-манчжур тилинен ооп кирген, анын мааниси да негизинен түндүктөгү майда уруулардагы эмчи-домчулукту түшүндүрөт экен. Ал эми бакшы деген сөз биздин кулагыбызга төл сөздөй жагымдуу угулганы менен кытай тилинен кирген, мааниси «окутуучу», «устат» маанисинде айтылат.
Байыркы кытай жазмаларында кыргыздар шамандарды «кам» («кянь») деп аташкан дейт. Бул сөздүн маанисин башка түрк тилдүү элдердин мифтеринен таба албадык. Байыркы индустардын аңызында сүйүүнүн кудайы дейт экен. Ал «үмөт», «сүйүү», «сезим ыкласы» дегенди билгизет имиш. Ошончодон «Кэми» (Ками) деген сөз бир гана жапон калкында сакталып калыптыр. Аларда синто дининдеги ыйык түшүнүктүн бири. Алар ыйык жанды, пирлерди аташкан. Камилер укмуштуудай кебете-кешпирдеги, коркунучтуу күчтөр болушат. Жапондор ыйык жайларда жана жеке үйлөрдөгү камилерге атайы сыйынышат.
А мүмкүн аңыз, уламыштарда айтылгандай, жапондор Энесай боюндагы түрк тилдүү элдердин арасынан бир кезде адашып, жер безип жапан болуп кеткен боордоштордон болбосун?! Жапондордун аңыздарында да кыргыздардын илгерки аңыздарына окшогон болмуштары, пирлери бар. Кыргыздар Күнгө сыйынгандай, жапондор да Күнгө таңды-кеч табынышат.
Жапон аңызында Жапониянын биринчи императору – Күн кудайы болгон деген сөз бар.
Улуу «Манас» эпосунда Көкөтөй хан өлгөндө кыргыздар жапондорго атайы кабар айтыптыр. Ошол акыл-эстүү, көп тил билген сергек Айдарга күлүк Мааникер тулпарды мингизип, кыргыздын акылмандары кулагына минтип куят:
«Сулаймандын тушунда
Журт бузулуп ушунда
Жабырга малын салыптыр, Кытайдан качып кыйла журт Жапан болуп калыптыр. Жайы жакшы болуптур, Жапан атка конуптур. Көтөрүш деген эри бар
Сыймун арал жери бар».
Үйсүндөрдүн доорунда эле шаман, бүбү-бакшылардын болгонун археологдор таап чыгышты. Каргалыдан (УзунАгачтагы) 1939-жылы бакшы (бүбү) аялдын сөөгү табылганда, анын төрт жүздөн ашык баалуу алтын, күмүш, шуру, бермет сыяктуу дүр-дүйнөсү бар экен.
Көчмөн бабаларыбыздын байыркы жашоосунда бакшылык сырдуу, касиеттүү, элге зарыл өнөр болгон. Бабаларыбыз бакшы Теңирдин, Көк асмандын элчиси, периштелердин, пирлердин, арбактардын тилин түшүнгөндөр дешкен, Теңир менен сүйлөшөр кудурети бар адамдар деп ынанышкан. Алар наадандык менен караңгычылыкты айдайт деп ишенишкен.
Бакшылар элдик поэзияны, дарыгерликти, асманжылдыздар аркылуу жылды эсептөөнү, астрологиялык божомолду, геологияны, көз боёмоочулукту билген, өз доорунун сабаттуу, таланттуулары болушкан. Дабына сүрөт тартып, сырын, сөзүн, атын башкалардан жашырып, сүрдүү жана Теңир сүйгөн аттарды коюшкан. Бала төрөлгөндө бакшылар ат койгон. Муну улуу «Манас» тастыктайт. Бакшылар балдардын атына жараша тагдыры болот дешкен. Бакшылар уста, окутуучу, ойчул, ырчы, акын, мүнүшкөр, саяпкер, чечен болушкан. Адам баласы жаралганда жарыкты көрүүгө, ага жылынууга, жакшы ой-тилегин ишке ашырууга, алдыга озууга, бийикке чыгууга, акылдуу болууга, акылмандыкка жетүүгө, ыйыктыкка, асыл сулуулукту табууга жана аны өзү үчүн, адамдар үчүн жасоого умтулуп келген. Ушул тирүүлүк, ой-тилектин асыл тазалыгын, улуу максатын Чынар Теректи (Дерево жизни) же Улуу Тоону символ кылып, кыял менен элестетип келишкен. Акындары ыр арнашкан, сүрөтчүлөр келбетин тартышкан. Теңирчилик дининде кыргыздар Улуу Тоо ыйык дешип, аны ниет-тилегинин, акылмандыгынын, сулуулугунун туу чокусу катары ардакташкан. Кыргызда шаман доорунан берки нур сөз бар: «Улуу Тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?» Бу максатына жеткендер таза жана ыйык болушкан.
Байыркы бабалар булут баскан Улуу Тоого сыйынышкан. Асман тиреген ак карлуу чокусун аскар тоолордун ээси дешкен. Ар бир уруунун бакшылары эзелтен Улуу Тоого устаты менен кошо чыгып, ээсине жасаган дабын көрсөтүп, чимирилте кагып, ак чачып, арча күйгүзүп аластап, сыйынып сындан өтүшкөн.
Окурмандарга үлгү катары бакшылардын эски ырынан бир үзүмүн китепке киргизүүнү эп көрдүм:
«Ой, тоодон бир тоого учкандар, Ой, жылан бир камчы туткандар, Ой, жандыра суу ичкендер!
Ой, азирети Сулайман пирим, Ой, дулдул атан дөө-пери мейман, Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман.
Ой, ошол суу башы Сулайман, мейман.
Ой, Анжыянда ак жылан мейман, Ой, Кабазыр мүдүр каятыр мейман, Ой, Султан бир мүдүр, ой башыр мейман.
Ой, кара бир көздүү,
Ой, ширин бир сөздүү,
Ой, келте бир бойлуу,
Ой, шыпаа бир тиштүү, Ой, кочкор мүйүздүү, Ой, дөө-пери мейман.
Ой, муз тоодон жатып семирген мейман, Ой, муз тоонун музун кемирген мейман. Ой, томоголуу сарала куштун, Ой, томогосун алып коё кел мейман.
Ой, бириңе бириң ыйбаа кылгыла мейман.
Ой, чоң олуя улук кум Мазар,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн
Ой, Кең-Колду баскан Ак буура атан, Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн».
Энесайдагы эл башкарган кыргыз хандарынын көбү бакшылык милдетти аткарышкан. Хан сарайында өз бакшысы болгон.
Байыркы көчмөн элдердин бакшыларын ислам доорундагы дубана, дервиш, календер менен салыштырып карабоо керек, алардын ортосунда өтө көп айырма бар. Дубаналар сопулук жолдогу адам. Бакшынын жашоо тагдыры оор болгон, татаал жолду баскан.
Көбү ата кесибин кууган, өнөр укумдан-тукумга өткөн. Айрымдары кесипке жеке эмгеги же устаты аркылуу жеткен. Алардын көбү өздөрү ооруп, кыйналып жүрүп көздөрү ачылган. Эркектен да, аялдан да бакшылар чыккан. Аялдарды «бүбү», «бөө» деп айтышкан. Кыргыздар илгери балдарын «бөө келатат» деп коркутушканы, кейпи бакшы аялдан улам чыкса керек.
Бакшыларды ак бакшы, кара бакшы деп да бөлүшкөн. Кара жиндүү бакшылар көбүнчө талмалуу же илээшкени бар кишилерди карашкан. Адетте жиндерин чакырып, арбак менен сүйлөшүп, камчы, бычак же комуз, дап менен ооруну куушкан. Айрымдары күзгү менен же жиндери аркылуу дарылашкан. Тиш ооруганды, жылан чакканды өлөң менен бадик айтып эмдешкен. Оорулуу адам менен малдын оорусун башкага көчүрмөккө куу сөөккө дартты байлап, алыска таштаткан.
Байыркы бакшылардын кыял-жоругун көргөндөр мындайча сүрөттөшөт: бакшы ноокас адам жаткан үйгө кишилерди чогултуп, эшик, түндүктү жаптырып, комуз чертип, зикир чалган же дапты кагып, майда коңгуроолорун шылдыратып, жинин чакырган. Кээ бир колдоочулары күчтүүлөрү арбак менен сүйлөшкөн, ордунан туруп, секирип, оозу-башын кыймылдатып, көзүн алаңдатып, өзүнчө алка-шалка түшүп шалкылдап, көрүнгөндү да сабап ийип, эбелек атып, акыры эси ооп жыгылган, көптү сүйлөгөн. Бакшы адамга келээр жакшылыкты, коркунучту, кырсыкты, жоонун келишин, баланын төрөлүшүн алдын ала айткан, жаан-чачындын болорун, уурунун келээрин ж.б. аяндарды айтып берген.
Алтайдагы кыргыздардын бакшыларынын колдоочуларынын бири жан-жаныбар, куштар деп эсептешкен. Айрыкча маралды башкы колдоочу, а тургай түп бабабыз деп айтышкан.
Байыркы доордогу бакшылар менен кийинки жалаң Теңирге ишенген кыргыздардын V–X кылымдардагы бакшыларынын айырмасы асман менен жердей өзгөрүштөргө дуушар болду, кийинкилер зор рухий өнүгүүгө жетишти. Кошуна, катнаш уруулардын динине, салтына жана маданий дүйнөсүнө таасири тийди, алардын үгүтчүлдүк вазийпасы өстү. Өнүккөн Теңир дининин бакшылары ЖерСууну ыйык көрүүгө, ата-бабалардын арбагын урматтоого, салтты ыйык тутууга, таштагы жазууларга сыйынууга үндөгөн үгүтчүлүктү жүргүзүштү. Адегенде бакшы дининде Теңирчиликтегидей эле үгүтчүлөрү-бакшылары («камдары») чыккан. Алар адамдарды акылмандыкка, рухий тазалыкка, кишиликке үндөгөн. Дүйнөнүн ажайып кооздугун таанып-билүүгө үйрөткөн, рухий өсүшкө чакырган, тазаруунун жолдорун, табияттан күч-кубат алуунун сырларын айтышкан.
Менимче, Теңирчилик көчмөндөр турмушунда адамдын рухий дүйнөсүн, ой-акылын сыдыргылап, байыта турган жолу болсо, бакшылык – адамдын денесин тазарткан, жорук-жосунун ылгаган жана жакшы жолго түшүүнүн ачык, түз жолу сыяктанат.
V–XII кылымдарда Батыш-Сибирь элдериндеги зороастризм, буддалык, ламалык диндерге моюн бербей бакшылык дини көчмөндөр арасында Энесай-Орхондо өсүп-өнүккөн.
Кийинки кыргыздар Теңир-Тоого көчкөндө Орто Азияда тамырлаган ислам дини бакшылыкка жол тосту.
А Теңирчилик дини ислам менен кыйла жагынан жол-жобосу, жосуну жана идеялары карама-каршы келбегендиктен эриш-аркак жашап, көчмөндөрдүн рухий дүйнөсүнөн орун алды. Кыргыз аңызын, санжырасын, оозеки чыгармачылыгын жана кытай жазмаларын изилдей келсек, байыркы бакшылар кийинки доордо, исламдын үгүтчүлөрүнүн бут тоскондугунан бакшылык диндин үгүтчүсү катары эмес, рухий, ой-акылмандыгы (философиясы) унутулуп, элдик дарыгер, эмчи-домчу, бүбү катары бизге жетти.
Акыркы кылымдарда изилдөөлөр Теңирчилик дин экенин далилдеп, бакшылыкты динби же дин эмеспи дегенге чейин баргандар чыгып атканы бекеринен эместир.
Ырас, бүгүнкү күндө бакшылык дини илгеркидей дабаасы даарыган, зоболосу сонун болгон абалга жете албастыр. Ал эми анын тарыхы, философиясы, керемет сыйкыры жана адамды рухий жактан тазарткан сырдуу жол-жобосу, тажрыйбасы кийинкилерге ажайып ачылууга тийиш.
УМАЙ ЭНЕ
Кыргыздар Умай энени кудурети күчтүү, аялзаттын, наристенин, үйдүн колдоочусу, мол түшүмдүн жалгоочусу дешкен. Кээде жоокердин колдоочусу, оттун ээси (От эне) катары байыркы Саян-Алтайдагы көчмөн уруулардын көбү Умай энеге сыйынышкан, балким, бул ызаат эненин кадыры өскөн доордо пайда болгондур. Кыргыздар Умай энеге биздин доордун VI кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: бакжайган, мээрими ашкан, жылдыздуу, алпейим, элечеги керемет байбиче. Ал эми VII–VIII кылымдардагы рун сымал жазууларда Умай эненин аты эскерилет.
Умай энени элибиз өтө урматтап алпештеген: чебер, уз аялдар Умай энени учкан куш түрүндө саймага сайышкан. Кыргыздар акылдуу, сүрү күчтүү жана акылман аялдарды Умай энеге теңешкен. Умай эне жөнүндө ыр менен бата кылышкан. Умай эненин мазары дешип, кээ бир булак башатына сыйынышкан. Алыска жол тарткан балдарына ата-эне: «Умай энеге аманат тапшырдым», деп көңүлү жайланган. «Менин колум эмес, Умай эненин колу», «Умай эненин дарысы» – деп эмчи-домчу наристелерди эмдешкен. Кыргыздар эрте жаздагы келгин жылкычы кучкач чымчыгын Умай эненин касиети бар деп, аны келтек, таш бараңга алышпайт.
Аңыз боюнча эненин курсагындагы ымыркай, бу тирүүлүккө «кыз болуп келем, уул болуп барам» деген тилекти каалайт имиш. Эркек, кыз болуш Умай эненин колунда экен. Непада наристе ээн үйдө жалгыз калса, энелери «Умай энеге тапшырдым» деп баласына кабатыр болгон эмес. Наристенин бетинен жылдыз жанса, «Умай эне жууду» – деп жоруп коюшчу илгеркилер. Эгинден мол түшүм алганда же мал башы көбөйгөндө «Умай эненин эмчегинен сүт акты» дешкен тоолуктар. Кыргыздар апай таш бетинен оюлган тактарды көргөндө Умай эненин жерге түшкөндөгү бутунун изи деп жорушкан. Бүбү, бакшылар, эмчи-домчулар минтип учуктап дарылашкан: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган. Домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай эненин колу. Ооруңду көтөрө албайт, кара жер көтөр. Кайт! Кара жерге кайт!»
Умай энеге болгон сый-урматтан улам элибиз эзелтеден аялзатын урматтаган экен деп ойлойсуң.
ЖЕР-СУУГА, КҮНГӨ, ОТКО ТАБЫНУУ
Байыркы кыргыздар көктө Теңир колдойт деп, Жер энеде табият менен эриш-аркак, шайкеш жашоого, аны ыйык тутууга, андан кудуреттүү, күчтүү, ыйык касиетти табууга эзелтеден ыклас койгон.
Байыркы кыргыздар дайыма табият менен бирге болгон, дүйнөнү бүткүл турпаты менен кабыл алган, андан күнү да, түнү да ажыраган эмес. Табиятты өзүнөн улук сезген, ага багынган, каршы чыккан эмес. Ал өзүн табияттын бир мүчөсү сыяктуу сезген, аны сыйлаган, сыйынган. Кыргыздардын жашоо-тиричилигин чечмелеп айтканда, көр оокат, кара курсактын түйшүгүнөн кутулары менен табиятка сүкүт салган, өзүн сактоонун жолу – табиятка табынуу деп боолгологон, өзүнүн бактысы, ыракаты – табият менен шайкеш жашоодо экендигин аңдап билген.
Көчмөн эл десе, Батыштын адамдары илгертен алардан жаа бою качып, атын атагандан корккон жана баскынчы, караңгы деп эсептешкен. Андайдын дили соолсун, пейли оңолбосун! Көчмөндөр боорукер эл, табиятка жакын, анын ырлары бүт табияттын сулуулугун, кереметин даңазалаган. Ошондуктан алар табиятка аяр мамиле кылышкан.
Табият адам баласынын жакшылыгын кайрыйт: пенденин пейил-кунуна жараша, тазалыгына жараша башына бакыт үйөт.
Теңир табиятты адамга бир гана жыргал жашоосу үчүн ыйгарган эмес, анда адам эмгектенсин, тиричилик түйшүгүн түшүнсүн, сулуулугуна суктансын жана баабаркын билип, сырын ачсын деп берген.
Табият менен эриш-аркак жашоонун шарапатынан байыркы көчмөн кыргыздар андан көптү үйрөндү, рухий олжолорго жетти, касиет-сырын түшүндү, акыл-ою байыды, рухий дүйнөсү, ниет-зээни тазарды, көзү ачылып, көңүлү өстү, адам баласынын турмушун, мамилелерин таза сактоого умтулду, өз элинин кимдигин билди, адамгерчиликтин, сулуулуктун, боорукерликтин, өмүрдүн баалуулугуна көзү жетти.
Эрте жаздагы кургакчылыкта жана кеч күздө, сонор түшкөндө, урук-уруулар же үй-бүлөлөр чогулуп, суу жээгине же тоодо ак боз бээни назир тайып, ак чүпөрөк төшөлгөн жыгач идишке аккан канын тосуп алышкан. Ар бир үйдүн ээси идиштеги канга колун малып, үй-бүлөсүнүн ар биринин чекесине сүрткөн, белги коюп ырымдаган. Анан эл карысы: «Айланайын Теңир, айланайын Жер, айланайын Суу! Саат-сабырдан сакта, оору-сыркоодон сакта! Мал-жан аман болсун!» – деп Жаратканга, ЖерСууга (Жер Энеге) сыйынган.
Кыргыздар «эмине улук» дегенге минтип жооп берген:
«Теңир улук, күн улук, Төбөсү ачык көк улук, Жан-жаныбар бүт улук.
Жарык улук, от улук,
Ордо күткөн журт улук,
Төшү түктүү жер улук, Адам улук, жан улук».
Кыргыздардын жакшы алым-сабак макалы бар:
«Тирүү жандын атасы – Күн,
Энеси – Жер, Каны – Суу,
Жаны – Аба».
Ошентип бабалар Күнгө сыйынышкан. Хандын ак ала ордосунун эшиги күн чыгышты карап тигилген. Күн чыкканда ага жүгүнүшкөн. Күнгө акарат кылышкан эмес. Сак доорундагы бабаларыбыз күн баш адамдарды аска бетине тартышкан. Адамдын башы күн болгону – улуу кереметти (символду) айтып турат.
XIV кылымдын ойчулу, акылманы жана акыны Асан Кайгы минтип ырдаган эмеспи:
«Асманымдын чеги жок, Барган адам деги жок.
Күн жылдыздын сулуусу
Сулуусу эмес, улуусу
Күн болбосо жарык жок»…
Ай болсо малдын көбөйүшүнө, адамдардын тагдырына таасир этет дешкен. Ай жаңырганда, Ай толгондо жортуулга чыккан же иш камылгасын башташкан.
Кыргыздар Ай жаңырганда жүгүнүп, алкыш айтып минтип сыйынышкан:
«Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарасынан
Жердин кучагынан
Жегелик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге – жемиш,
Жөөгө – улоо,
Жалкоого мээнет,
Жалгызга – эркек,
Иштерманга – кут, Ушакчыга – уу,
Ак ниетке – туз.
Баарыга кайыл заман көрдүм. Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгө өсүп-өнүп, тололу,
Бакылга – тар
Бапырга – бар ай бол!»
Бабаларыбыз Суу – мал-жандын өмүрү, адамды тазалайт дешип ыйык көрүшкөн.
Суу атасы – булак.
Суу кудукка сыйын.
Жер – казына, суу – алтын.
Булактын көзүн ач.
Суу башынан тунат.
Суу – жашоонун булагы.
Суулуу жер – бейиштин төрү. Тамчы Суу – өмүр азыгы. Суу сыйлаган зор болор, Суу кордогон кор болор.
* * *
Кыргыздар арчадан от жагып табынган, аны касиет көргөн. Байыркы бабалардын, түрк элдеринин аңызында Оттун пири болушу ыктымал. Түкшөмөлгө дуудамал кылып айтсак, анын аты Отхан болсо керек. Бекеринен бабаларыбыз От эне үй-бүлөнүн ыйыгы болгон, ал ой, дене, дилди тазартат, оору-сыркоодон коргойт деген. Үй ээсин от агасы, журт ээсин от башы дешкен. Бейтап адамдарды от менен аластап дарылашкан. Жаңы келинди адеп «от эне жалгай көр» деп, отко май чачып, отко жүгүнтүшүп, келинди отко киргизет. Бабалар очоктон аттабаган, суу төкпөгөн жана түкүрүп акарат кылбаган. Наристе жаңы төрөлгөндө үйдөн от беришкен эмес.
Жолоочуну, ооруп калгандарды, жоодон келгендерди от менен аластаган. Байыркы бабалар жылкыны дарт чалса, Камбар атанын тукумун алоолото жаккан эки оттун ортосунан айдап өткөргөн.
От жамандыкты өрттөп кетет, кудурети күчтүү, тазартат дешкен. Элде баласыз өткөн ата-эненин «оту», «коломтосу өчтү» дешсе, өтө заардуу каргыш айтканда, «отуң өчүп калсын!» деген.
Боз үйдө от жагып отурганда олуя карыя сөз айткан: «Оттун түтүнү бийикке тогуз кабат көк Теңирге кетти, ысыгы жети кабат Жер энеге жетти». Эл калкалаган От эне деген сөздүн чыгышында жабык сыр, терең ой жаткандай. Ал эми отко байланыштуу канча ырым-жырым, накыл сөз, макал-лакап, ыр, тилектер эл ичинде айт ылат.
Отко сыйын.
Отту теппе, шамалды сөкпө.
От дегенден ооз күйбөйт.
Очокту аттаба.
Отту бутуң менен ичкертпе.
Отко түкүрбө.
Отко суу куюп өчүрбө.
Отту тегеренбе.
Күлгө сийбе.
Коломтону аттаба.
Отко жакын ыш күйөт,
Энеге жакын кыз күйөт.
Отко келген катындын отуз ооз сөзү бар. Күн баткан соң от бербейт.
Намаз шамдан кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпа.
От көсөгөн ыштайт.
От менен суу – тили жок жоо.
От – жаккандыкы, тон – тиккендики.
Энесайлык кыргыздар көчмөн уруулардан биринчи болуп оттук ташты табышкан. Кыргыздардыкынан бөлөк жерде бул сыяктуу таштар жок дешкен жолоочулар.
Байыркы кыргыздардын чыракты, отту таң атканча өчүрүшпөгөнүнө караганда, анын сырдуу ишеними, ыйык мааниси да болушу ыктымал. Кыргыздар от жагылган үйгө асмандан кут түшөт дешкен ишеними болгон.
Бабаларыбыз тоого чыгып, садага чаап, конуп-түнөшүп, анын ээсине тайынышкан. Сактардын доорунда Теңир-Тоодогу «Саймалуу Таштагы», Алтайдагы Аглакты, Монголиядагы Хойт-Цэнхэр үңкүрүндөгү чийме-сүрөттөр буга күбө. Илгерки санжыраны, оозеки чыгармаларды жана жазма тарыхты изилдесек, кыргыздар Теңир-Тоо, Алай, Алтай, Көгмөн (Саян) тоолоруна тайынып-сыйынышып, сайран (майрам) өткөрүшкөн экен. Анткени кыргыздар Алтайды ыйык тоо жана бейиш жер катары көрүшкөн. Ага жетүүнү самашкан. Ала-Тоодон ыйык Алтайга нечен күндөп, ат соорулап айлап жол жүрүп келип, аны көрүп кетүүнү, сыйынууну сыймык жана парз көрүшкөн бабалар. Ала-тоолуктар Алтайды, «алты ай» деп жол жүргөн күндүн санагы катары жорубастан, «алтын ай», «алтындуу аймак» жердин соорусу деп эсептешкен. Алтайды эңсеген нечен ырлар, дастандар, күүлөр чыгарылган.
Гималай тоо кыркасында, Тибеттин түштүк этегинде Кайласа деген ыйык тоо бар. Индустардын аңызы боюнча тоо таза күмүштөн уюган дешет. Бул тоодо индустардын негизги кудайларынын бири Шива жана байлыктын пири Кубера жашайт экен. Кайласа ыйык тоосу Манас көлүнүн түндүк тарабында. Буга эзелтен ар түрдүү дилдеги, ишенимдеги элдер сыйынышкан.
Анткени Кайласа бир эле байлыктын казынасы эмес, рухий маданияттын, ыйык ишенимдин ордосу, Борбордук Азиядагы байыркы көчмөндөрдүн мекени болгон. Ошондуктан биякка монголдор да, кыргыздар да, кытайлар да келип сыйынууга умтулушкан. Кайласага келген адамдар калган өмүрүндө бактылуу жашайт деген ишеним бар эле. Сыйынууга келгендер тоого жакын келишип, бирок ага чыгууга батынбай, анын ээсинин каарына калбас үчүн, Манас көлүнүн жээгинде отуруп, ыраактан Кайласаны карап, сыйынып-тайынып, ой-тилегин айтып, келмесин окуп, акылмандардай маек, ой жүргүзүшүп, жеке отуруп сүкүт салышып, кайра мекенине кайтышкан.
Тоого чыккан адам малга-жанга жана элге жакшылык, ынтымак, ыйман, береке, өмүр жана бейпилчилик тилеген. «Тилесең тилек кабыл келет» дегенди айтып келишкен.
Улуу инсандарын тоо башына коюшкан. Байыркылар өздөрү колдоочуларынын, пирлеринин, ыйык туткандарынын элесин, кыймыл-аракетин ташка чегишкен. Тоого канчалык көп сыйынса, ошончолук жакшылык берет деп ишенишкен. Тоо жөнүндө өтө кооз уламыштар менен болмуштарды чыгарган. Тоонун касиетин билгендер ыйык тоонун жан-жаныбарына аңчылык жасашкан эмес, а тургай анын жанынан кыйкырып сүйлөшпөй өтүшкөн.
Кыргыздар, ошондой эле жылдызды, чагылганды, куюнду, жамгырды, булакты, көлдү, арашанды, арчаны, чычырканакты, мажүрүм талды, ит мурунду, кайыңды, шаркыратманы ж.б. табият кубулуштарын, ажайып кооз жайларды жана дарактарды касиеттүү деп эсептешкен. Ошол ар бир мазарга табынуунун ырааты, айтар ниет-тилек сөздөрү жана жол-жобосу болгон. XX кылымдын ортосунда эле бабалардын, ата-энелердин аалам, Жер-Сууга жана турмуш-тиричиликке карата жасаган ырым-жырымдарын көрүп, дайыма кулакка куйган таалим-тарбиялык насааттарын, тыюуларын угуп өсүп-чоңойдук:
Жер-Суу колдойгөр!
Агын сууну чачпа, булгаба!
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Жылдыздарды санаба.
Жалгыз даракты кыйба.
Куюнга кабылба, кабылсаң Теңирге сыйын.
Наристенин бетине Ай тийгизбе.
Токойду өрттөбө.
Очоктун күлүн тебелебе, сапырба.
Аккан сууга түкүрбө.
Кудукту булгаба.
Жаман түшүңдү сууга айт, суу менен агып кетсин!
Аккан сууну сабаба.
Күнгө күлүп салам бер.
Көк чөптү жулба, көктөй соолосуң.
Куу сөөктү кармаба.
Булактын көзүн ач.
Түнү чок алба.
Жер таянып олтурба. Суу кудукка сыйын.
Жер-Сууга, табиятка жана анын кубулуштарына сыйынуу – бул элдин суу жүрөктүгүнөн же баёолугунан чыккан эмес. Муну кыргыздар адамдын денеси менен санаа-дээрин тазартуунун жолу жана айлана-чөйрө менен эриш-аркак, шайкеш жашоо деп билишкен. Теңирге сыйынган ыкласмандар, бакшылар сүкүт салуунун ырахат-лазатын, андан кандай кудурет-илеп, мээр аларын байыртадан мыкты билишкен.
Байыркы кыргыздар жазында жер айдап, Жер энеге кайрылып үрөнүн сепкен:
«Айланайын Жер эне! Үрөн септим уучтап, Жылуу жерден конуш тап. Бу – жетим-жесирге, Мунусу – карып-мискинге.
Бу – ач-арыкка,
Мунусу – алсыз-карыпка.
Булары – курт-кумурскага, Мунусу – сурамчыга А бу – тилемчиге.
Булары – саламчыга.
Калгандары – Сизге, бизге, мага.
Баба дыйкан жолдошум, Бардык ишти оңдосун,
Бардык жерде колдосун.
Жар болуп жылоолосун.
Эми быягын мен билемин: Сугатың өксү болбосун, Өнгөндө арам чөп койбосмун. Арыгың кенен чабылсын,
Корукчуң арбын табылсын.
Тилегим жөн,
Үн, үрөнүм өн!
Береке бек байласын.
Бердик Баба дыйканга
Бириң миңдеп чайласын».
Мен муну эң байыркы баба-жотолорубуздун Жер энеге чыгарган гимни деп айтар элем.
АТА-БАБАЛАРДЫН АРБАГЫНА СЫЙЫНУУ
Байыркы кыргыздар адамдын руху, жаны өлбөйт дешкен. Ошондуктан көзү өткөн бабалардын кудуреттүү арбактары урпактарын оору-кырсыктан, балээ-жалаадан сактайт деп караган. Теңирге табынган ар бир кыргыз баласы ата-бабалардын арбагы улуу, ыйык касиет деп сыйлап, аларды ыраазы кылыш үчүн кабыр үстүнө мазар орнотуу, эстелик орнотуу өз парзы экенин билген. Атаэнени, бабаларды көзү тирүүсүндө өзүн жана көзү өткөндө арбагын сыйлабаган урпактардын бактысы ачылбайт деп ынанышкан.
Бабаларыбыз жашоо үчүн өздөрүнүн бир нече күчтүү душмандары менен согушту, өз эркиндигин, жерин, элин кийинкилердин бактысы үчүн жанын кыйып сактап калышты.
Кийинки урпактарга тиричилик берди, жашоосун узартты, рухий дүйнөсүн байытты. Анан кантип кийинки урпактары бабаларын сыйлашпасын?! Анан кантип атабабаларынын арбактарына табынууга тийиш эмес?!
Ушу береги аңыздык түшүнүк – теңирчиликтен да улуу болсо керек. Ал кийин ислам динине өткөн кыргыздардын рухунан да алыбеттүү орун-очок алды. Рухтагы мындай бекем уюган ыйык түшүнүктү эми жөн эле айдап чыга албайбыз. Ошондуктан байыркы бабалардын сөзүн, санжырасын, салтын, осуятын, керездерин кыргыздардын ыйык тутканы, аларды мыйзам катары кабыл алып калганы бекер эмес.
Ата-бабанын арбагын сыйлоо жөнүндө нечен макаллакап, осуят сөздөр, уламыштар, жомоктор, ырлар, дастандар, эпостор бар жана ал улуу «Манас» эпосунда да айтылат.
Ата-бабанын арбагына арнап кыргыздар ырым-жырымдарды, сыйынууларды, табынууларды өткөрүшкөн.
Энесай кыргыздары бабаларынын ибадатканасына, көрүстөндөрүнө, мазарларга, мололорго барып, бир жерге топтолуп, арбактарга сыйынып, аларга арнап малды курмандыкка чалган.
Бул байыркы кыргыз тилинде «чама» делет. Бабалардын мүрзөлөрүнө барып жыгачтарга ар түрдүү түстөгү чүпүрөктү байлашкан.
Ата-бабалардын арбагы тирүү жандарды жаман ой-санаадан, каргыштан, шайтан-шабырлардан, бөөдө кырсыктан, оорудан, жаман ойдон, кордуктан сактайт дешкен.
ТЕҢИР АТА
Биздин замандын тээ башы ченде, табиятты бапестеген, жарык дүйнөнү кызык да, кооз да көрүүгө үндөгөн, бутактамыры жайылып орун-очок алган адамды адеп-ахлактын ак жолуна салып, күч-кубат берип, рухий казынасы болуп, аткан таңдай, тийген күндөй ажайып чыгышта Теңир дини чыга келди. Кыргыздар табияттан коркконунан ыйыктарды жаратпады, алар аны менен эриш-аркак бирге жашап, чогуу болуп, ыйык, дос, колдоочу, ээси катары көрүп жашады.
Теңирчиликтин диалектикалык жолуна сереп салсак, жөнөкөйлөтүп айтканда, төмөнкүдөй таржымал келип чыгат: эң алгачкы аңыз, көз боёочулук, сыйкырчылык, ырым-жырым, жол-жоболорунун жаралышынан, бакшылык үгүтүнөн, андан соң өркөнүбүз өсүп, акылыбыз жетилген сайын адамдын денеси менен жанынын бөлүнүшү жөнүндө түшүнүк (анимизм) кеңейип, жалган дүйнө, чын дүйнө ажырымынын ачылып отуруп, акыры жогорку күчтү таанууга жол ачылды. Андан соң, уруулардын башы кошулуп, социалдык түшүнүк кеңейип, эски жомок бүтүп, уруулук коомдон улуттук мамлекеттик коомго өткөн кезде, көп кудайдан (политеизмден) бир кудайды таануу (монотеизм) жолу келип чыкты.
Деле бабалардын дүйнө таанымы бир же көп кудайды ыба караган, назар салып ага ишенген, табияттан да башка сырдуу касиет күч бардыгына ынанган адамдын жалпы көз караштарынан, байыртан берки түпкүлүктүү диний аңдоосунан, ырасым-адаттар санатынан, ыйык ишенимден жаралган жана өсүп өнүккөн.
Кытай жазмалары боюнча кыргыздар б.з.ч. II кылымда Теңир динине сыйынышкан. Алтайда алардын Теңирге сыйынар ибадатканалары болгон.
Акыры Теңирчилик дини табияттагы жана коомдогу көрүнүштөрдүн, чындыктын мыйзамченемдүүлүктөрүн, касиеттерин аңдатып түшүндүргөн, адамдын аң-сезимин, жүрүм-турумун түз жолго салып келген. Жөнөкөйлөтө айтканда, дин – адам баласынын жашоосунда кара жаны, өмүрү үчүн жана кайгысы менен өлүмдү жеңиш үчүн болгон узаакы күрөшү десе да жарашкыдай.
Бу тирүүчүлүктө ар адамдын башын оор соболдор эзип кирет: «Мен киммин?! Кайда барам? Кантип жашайм? Жашоодогу максатым эмне?» Зээн кейир суроолорго төмөндөгүлөрдү кошоор элем: береги жоболоң жашооңдон кантип сактанасың жана канткенде көзүңдү ачасың? Түйшүк, кайгыдан кандайча кутула аласың?
Бабаларыбыз андай суроолорду диндин шарапаты аркылуу гана чечмелей алган. Илгерки-илгерки бабалардын аңызын карап көрсөк, оболу Теңир ата (пири) болуптур, асмандын, көктүн колдоочусу экен. Бу далилге караганда көк асманга сыйынганга жол көрсөткөн акылман олуя Теңир ата жашаган. Мага «Теңир» байыркы жана касиеттүү сөздөй сезилет. Мен байыркы кыргыз аңызынын түп булагы Теңир атаны өзүбүздөн оолактаткым келбейт. Ал эми Теңир атанын таржымалын, насаатын, керези менен осуятын таап чыгуу келечектегилердин далалат-мүдөөсүнө жараша болот.
Байыркы бабаларыбыздын Теңирге сыйынганын бизге жеткен аңыздар боюнча баамдап, элестетип көрөлү. А дегенде алар ыйык тоого чыгып, назыр тайып, от жагып, дасторконго ак, быштак, курут жайган.
Кытай тарыхчыларынын айтуусунда хуннулар да, үйсүндөр да, дөөлөстөр да жана башкалар Теңирге сыйынган экен. Кээ бир кезде кыргыз ханы да өзү тайынуунун башында туруп, жол-жобосун жасаган. Бакшыларды катыштырышкан эмес. Кээ бир зарыл учурда гана тайынууга ак сарайдын ыйыгы – бакшыга уруксат берген.
Алкыштоону баштаган хан ак чачып, көктү карап, колун жайып тилек кылган:
«Теңир! Теңир!
Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир!
Тогуз козу биз сойдук, Теңир!
Жакшылыкты жерге, элге жалга, Теңир!
Жамандыкты жерден, элден качыр, Теңир!
Жашообузду оңдо, Теңир!» дешип, калган-каткан даам-ырыскыны улуу отко ташташкан.
Байыркы көчмөндөрдүн Теңирдин урматына курмандык чалуусу жөнүндө Кытайдын VI кылымдагы «Вэйшу» жылнаамасында: «Бешинчи айдын ортоңку он күндүгүндө журтту жыйнап, өзөн боюнда асман рухуна арнап курмандык чалат» – деп айтылган.
Энесайлык кыргыздардын доорунда (V–ХII к.к.), алар сыйынар атайын үйүндө, түштүктү карап отуруп, жыттуу нерселерди коюп жобурап, жай сүйлөп сыйынышкан экен. Кыргыздардын Теңирге сыйынганы «Манас» эпосунда айтылат: «Кийингени көк Темир, сыйынганы бир Теңир».
Жер каймактагандан бери эс-акылы бар адам Кудайга же пайгамбарга, же табиятка, же ыйыктарга сыйынып келет.
А тургай, жер үстүнө биринчи буту тийген адамды ыйык деп чокунуп жатышпайбы. «Сыйынсаң сый аласың, сыйынбасаң балээге кабыласың» дешет элде. Жарыкчылыкта улуулукка, ыйыкка, тазалыкка, сулуулукка сыйынган, ыйык караган адамдын өмүрү шай, колу олжолуу, көңүлү шат, жолу оң, тилеги кабыл болор. Муну батыштын да, чыгыштын да акылмандары, көзү ачыктары жана илимпоз жарандары караңдай какшайт. Ал эми жалпы эл ошо береги ак, ыйык жолго жапырт түшсө, калкка, жерге, касиет кирет, дөөлөт конот, өркөнү өсөт, зоболосу көкөлөйт, асманында кушу сайрайт, үйүнө бакыт конот деп жоруйт. Мындайда ырыскы-касиетти эрте сезген кыргыздар сыйынып-тайынууга элден мурда умтулган экен.
Кыргыздардын «сыйырга, кирпиге, сагызганга, бүркүткө, бак-даракка» сыйынганын чет элдик саякатчылар айтып кетишкен. Бул сыйынуулар эң эски, Теңирчиликке чейин, өздөрү сырын билбес жаратылышка сыйынуунун доорунан бери келаткан болушу да ыктымал.
Кыргыздар Теңир Көктө, ал жактан жерди коруйт, атпай журтка бейпилдик жиберет, жоо-жоболоңдон колдойт жана коргойт; ханга адилет бийлик, акылмандык берет; ар пенденин пешенесине, ниет-тилегине, бу дүйнөдөгү жасаган жакшылыгына жараша ырыс-бакыт ыйгарат; тагдырын оорудан, жинден, өлүмдөн сактайт, өмүрүн узартат, кубат-күч берет, жол ачат; кымындай күнөөңдү, а тургай жиниң келгенин билип коёт, дили жаманга наалат, каргыш айтат деп боолголошкон.
Теңирге табынуу Күн ызатынан кийин жаралган деген божомол бар. Байыркы көчмөндөрдүн бир топ уруулары, кагандыктары Теңирге табынган. Кыргыздар бала-бакырасына «Теңирим жалгасын» деп жакшылыкка алкаган, бирөөлөрдүн алдында антташканда же каргыш айтканда «Теңир урсун», «Кудай, Теңир урсун!» Же улуу «Манас» эпосунда баатырлар карганганда же антташканда: «Төбөсү ачык көк урсун. Төшү түктүү жер урсун» – деп айтышкан. Башка бирөөлөргө нааразы болгондо: «Кудай Теңирин тааныбай калды», «Теңирге койдум!», «Теңир ургур, Теңир соккур», «Кудай сени каргасын, Теңир тепсесин» дешкен. Же бейпилчиликте акыл-насаат айтканда: «Теңирге сыйын», «Теңирди сакта», «Теңирге тетири иш кылба» «Теңирим бар», «Теңирим күбө», «Теңирден башка кудурет жок», «Теңирим бир жааса, терек эки жаайт», «Бекерден – Теңирим безер» – деп нускалаганы эске түшөт. Ааламдагы түндү да, айды да, отту да Теңир колдойт деген бабаларыбыз. Бул эзелки аңыздык түшүнүктөн улам адамдарга, алардын кесиптерине жараша олуя аталары, жан-жаныбардын, жер-суунун пирлери, колдоочулары жаралса керек.
Абай салсак, Улуу кытай империясы менен байыркы көчмөн кыргыз уруулары алмустактан бери, кээ бир тарыхчылар бокочо кылып көрсөткөндөй, тынбай эле согушуп турган эмес. Жайдары күндөр, мээрман жылдар, бейпил кылымдар да болгон, кыз алышып, куда-сөөк күтүшүп, соода жүрүп, тил кат жазышкан, каадалуу той-тамаша өткөрүшкөн, байланыш борборлору түзүлүп, атайы базарлар уюшулуп, биргелешип шаан-шөкөт курушкан алпейим замандар арбын болгон. Ырас, көбүнчө Кытай империясынын үстөмдүгү да, зомбулугу да күчтүү болгон дечи. А кыргыздар андайга акылмандык менен чыдады, моюн бербей, тизе бүкпөй, жер карабай, көчмөндүктүн сүрү бар эл эмеспи, тиги кылыч кармаса, өзү да кылычты сууруп, тап берсе, тап берип, тең ата болсо тең ата болуп, достошсо кол сунуп, өз наркын, аброюн жана сөөлөтүн жоготпой, бирөөгө намысын тепсетпей сактап калды. Кытай мамлекети да өрттөн жалтанбаган, жоодон тайманбаган кыргыздар менен да кадыресе эл, мамлекет катары саясий да, соода жана маданий байланыштарды үзбөй келген. Кыргыздар менен кытайлар бир-биринен мамлекеттик бийлик тепкичтерин, тартибин, жеке согуш өнөрүн гана үйрөнбөстөн, идеологиялык, рухий маданияттык байланыштарды да бир-бирине жасашкан, тил, салт, дин, жазуу, адеп-ахлак ж.б. дүйнө тааным байланышы бир элден экинчи элге өтүп турган. Улуу Жибек жолу менен элчилер, жолоочулар, соодагерлер, тилмечтер, бакшылар, акылмандар, бедизчилер, темир усталар, сүрөтчүлөр, акындар ж.б. чек арадан чек арага, өлкөдөн-өлкөгө өтүп, аралап кете беришкен. Буларга өлкөлөрдүн чек арасында тоскоол анчейин эле.
Ошондуктан байыркы көчмөн кыргыздардын рухий маданиятына Кытай маданиятынын таасири болгону эртедир-кечтир айтылганы жөндүү болор.
Кыргыздардын мурда дини, философиясы болгон эмес деген кайбат сөздү батышчылдар кийин чыгарып жүргөндүгүнө айран калса болот. Ага терикпөө керек. Бул батышчылардын сөз оюну, текеберчилиги, бизге жакшылык каалабагандыгы.
Теңирчиликте рухий маданият көчмөн кыргыздардан, түрк урууларынан бара-бара Кытай империясына тараганбы же очоктуу Кытайдан конуш которуп, көчмөндөргө келе-келе жукканбы, азырынча аны ачык айтышка чыны бүгүн шаа жетпес. Мындай эле деп кесе айтканга оңойдур, ал эми так, даректүү, ырааттуу далилдеш өтө кыйын.
Байыркы кытайларда кудуреттүү Көк Теңир (Асман) эркине ишенишкен жана ызаат кылышкан. Теңир жөнүндө Конфуций, анын окуучусу Моцзы да ызаат менен насил айтышып, жекече көз карашта болушкан. Кытайда бакшылар б.з.ч. VI кылымда пайда болгон. Эл, көзү өткөн бабалардын жандары бакшыларда дешкен. Бакшылар кембагал, жөнөкөй эл ичинен чыгышкан, кызматы эл арасында да, ак сарайда да жүргөн. Биздин заманга чейинки IV кылымда жашаган Конфуций окуусун жактаган акылман Мэнцы: «Теңирди асырагандар жашайт, Теңирди тепкендер өлөт» деген экен. Б.з.ч. III кылымда айрым императорлор, чиновниктер, аскер башчылары, даостор өлбөстүн жана узак жашоонун дарысын издешкен. Алар падышачылыктагы бүт бакшыларды, кечилдерди жана дарыгерлерди чогултуп, бейиш аралдарына чейин өлбөстүн чөбүн тапканга айдаган. Кытайдагы бакшылар кийин элдик табып, дарыгер болуп кетишкени ошондондур.
Чыгыш аброюнун түркүгүн түзгөн байыркы кытай рухий маданияты, дини, философиясы, ырым-жырымы жана адеп-ахлак сабагы байыркы көчмөн кыргыздардыкына көбүнесе окшошуп жаткандыгы бизди ойго жетелейт. Муну Теңирчиликти изилдеген айрым окумуштуулардын, агартуучулардын, атап айтканда, культуролог Чоюн Өмүралиевдин жан дили менен эргип жазган эмгегин жаңылык катары ыраазычылык менен айтууга тийишмин.
Азыркы кезде маданиятты изилдөөчүлөрдүн тобу илгерки көчмөндөрдүн Теңирчилик дүйнө таанымын, улуттун эзелки илимин өйдө көтөргүсү келишет. Бабалардын дүйнө таанымы динби же илимби, философиябы – мунубуз бара-бара келечекте такталар. Издеген гана табат. Неси болсо да байыркы көчмөн бабалардын рухий маданиятын, динин, илимин алгач изилдегендердин, жол салгандардын демин суудурбай, илимий чөйрө ар тараптан колдоо, көмөк көрсөтүү гана керек. Меники эле туура, мен эле кыйынмын деп көкүрөк какпайлы. Максат элдин рухий казынасына, жакшылыгына арналган соң ага эшик ачкан оң. Менимче, келечекте көчмөндөрдүн рухий маданияты, дини, философиясынын түп-тамыры жана анын байланыштары бизде жок деп, куу чөп менен оозубузду аарчып отуруп албайлы, же бирөөнү күтпөйлү жана алыстан издебейли. Биринчиден – рухий маданиятты өзүбүздүн ой казынабыздан, экинчиден – тектеш, боордош байыркы сак, хунну, үйсүн, дөөлөс, уйгур, түрк жана кошуна кытай, монгол, тибет элдеринен издөөбүз керек. Эсте болсун, башкалардан таасир албаган, бөлөктөргө таасири тийбеген, рухий жугуму болбогон элдин маданияты көлчүктөгү ылай суудай пайдаланууга жарамсыз болуп калат.
Биз Теңирчилик дүйнө таанымынын негизги түп булагын, түзүлүшүн, салт, жол-жоболорун билсек, анда анын башка динге караганда өзгөчөлүгү, таасири, мүмкүнчүлүгү, символдору, салттары, жоболору бизге ажайып ачылат.
Теңирчиликтин тарыхын жана баскан жолун биз бир эле салттан, уламыштан, санжырадан жана оозеки чыгармачылыктан гана эмес, бабалардын аскаларга, таштарга калтырган байыркы сызма-чийүүлөрү менен руна сымал таш жазууларынан да табабыз.
Дүйнөдөгү бардык аңыздардын окуясын, мазмунун жана символун, кудай-пирлерине чейин эзелтен сүрөткө тартышкан. Теңирдеги колдоочу кудайлар менен перилердин кейипкери, табият менен адамдын ортосундагы байланыш, окуялар жөнүндө сүрөттөр азырынча жок деп жүрсөм, жакында Теңир Атанын ташка чегилген сүрөтү басмада жарыяланды.
Улуу Теңирди тааны! – деген коңгуроо кагыш чакырык Түп атадан бери келаткан сыяктуу, тактап айтканда, ал биздин доорго чейинки сак, хунну доорунан берки бабалар урааны.
Теңирге чейин да кыргыздардын табынган пирлери, кудайлары арбын болгон. Ал ыйыктар аңыздан бөлүнүп чыккан. Негизи – кыргыздар ата-бабанын касиетин ыйык туткан. Бара-бара Теңирге табынуунун мээрими Борбордук Азия менен Орто Азияда, Казакстан аймагындагы көчмөн урууларды каптаган.
Кеңири Азия менен Сибирдин тоо-түзүндө байыртада туусун желбиретип, кылыч ойноткон не бир шок, не бир кыраан, не бир арстандай айбаттуу уруулар, кагандыктар жашады. Алардын ичинде жер бетине чуу салган шерлери да бар эле. Карт тарых жыйырма-отуз кылым ичинде алардын дээрлик көпчүлүгүн мезгилдин шамалына салып, талаадагы камгактай жердин түбү желпинишке айдады. Көбү ошентип кумга сиңген суудай болуп изи калбай, тарыхтан тыйпыл өчтү.
Ал эми ошол жоголгон элдер менен кошо чыккан кыргыз эли изин жоготпой алиге жашап калышына Теңирчиликтин шарапаты тийди дээр элем. Элибиз жашоосунда ушунча боорукер, акылман, адамгерчиликтүү, сабырдуу, баатыр, намыскөй болушуна эзелкиден-береки доорго жетишине өзүбүздүн жеке кыйындыгыбыздан мурда Теңир дининин касиет-өбөлгөсү болсо керек.
Теңирдин рухий уюткусу да жана башка көчмөн элдердин отуна тамызгы берген да кыргыздар болгон.
Дин десе эле Совет доорунда жедеп коркок-билиш болуп калган жайыбыз, чок баскандай: «Дин – апийим, дин – караңгылык, динди түбү менен жоготуш керек» деген кара союл доорду да жашап өттүк. Бизге эми диндин ак дарбазасы ачылды. Дин жалгыз бир Кудайга эле кечке табынып жатып алуу эмес экендигин кеч да болсо түшүндүк. Ал биздин жашообузга кеңири жол ачат, эркин, таза жашоого, тирүүлүктүн ак жолуна үндөйт. Элибиздин рухий маданиятынын өзөгү – дин, ал дүйнө тааным илим катары, тарых, философия, аңыз, психология, теология, этнография, салт, культурология, археология, психология ж.б. толгон илимдерди ичине камтыйт эмеспи.
Теңирге сыйынуунун өзүнчө тарыхы, философиясы жана адамдын тиричилик турмушунда сый-сыпат, ырымжырымы, жол-жобосу келип чыкты.
Кыргыздын рухий маданиятынын жана оозеки чыгармачылыгынын алгачкы үлгүлөрү жана өсүп-өнүккөн доору Теңирчилик доорунда пайда болду жана негизин түздү. Теңир дининин асыл мурасы калктын рухий казынасын түзөт. Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы. Дин десе эле кээ бирөөлөр чолок элестеткендей, Кудайга эле баш көтөрбөй кулдук ура берүү эмес, жаны жай албаган адам өзүнүн бардык өмүрүн, эмгегин, күч-аракетин, ой-кыялын бир ыйык максатка, таза тилекниетке жумшоо, багыттоо жана андан каниет алуу. Мына ошол адамдын улуу жолунда, умтулуусуна сүрөө болгон, ага тирөөч болгон дин экен.
Кандай дин болсо да акыйкат чындыгы менен түпкү максаты, ошол аркылуу философиялык, адеп-ахлак, эстетикалык илимдери болоору маалым. Башка диндер – адамды тигил дүйнөдөн көрүүчү азаптан коргоо болсо, Теңир дининин түпкү максаты – адамды бул дүйнөдөн жарпы жазылып, өмүрдү эстүү ыкыбалга башкара жана жумшай билүүгө чакыруу дээр элем. Кыргыз баласы Теңирге тынымсыз кулдук уруп, тиленип отура бербейт: ал бардык кудурет-күчүн Теңир берген касиетти бекер коротпой, кордобой пайдаланууга, өзүнө каниет алып жумшоого умтулат, өмүрүнүн ырахатын, маани-маңызын жер бетиндеги тиричиликке байланыштырат, жарык дүйнөдө көзүн ачууга, бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаганга дилгирленет. Улуттук дүйнө тааным эл турмушун, адат-салтын, рухий маданиятын өстүрүп, иретке салып, жетилтип, мезгил менен доорлордун элегинен өткөрүп алып өтөт.
Ырас, бутпарас (буддизм) дини V – X кылымдарда
Борбордук Азиядагы көчмөн урууларга кеңири тараган. Кээ бир уруктар, уруулардын акылман кагандары, көсөмдөрү, кол башчылары улуттук динди бекем сактап, Кытай империясынын каптаган маданиятын, салтын жана тилин билүү менен бирге анын динине кирбегенге аракет жасаган. Экинчи түрк кагандыгынын даанышман кол башчысы Тон-ёкуктун (VIII к.) мындай дегени бар: «Будда менен Лао-цы илими журтту назик жана жашык кылып жиберди, жүрөктү да жигердүү кыла албайт».
Энесайлык кыргыздар да бутпарас динине кыйла кызыккан. Эл башындагы кагандарынан, дөө-шааларынан азгырылгандары чыккан. Кээде каган акылчылары чоочун элден, бөтөн диндегилерден болгон. Алар элди бутпарасчылыкка кыйла үндөгөн. Иаглакар хан бутпарас динин жактырып, аны үйрөнүүгө дилгирленген окшойт.
Кыргыздардын салттарын карай келсек, арчаны аластоо, мазар таюучулук, жүгүнүү сыяктуулар бутпарасчылыктан өткөнбү деп жорусак болот.
Кыргыздардын тарыхында Теңирчилик дооруна тескери карагандар да болгон. Санжыра боюнча, кыргыздардын жетинчи атасы Кыргыздын бир тууганы Кыкыз, мындан 1500 жыл мурда, уруунун энчисин бөлүп алып, анан Теңирчиликтен кол үзүп, бутпарас динин кабыл алып, Алтайга көчүп кеткен экен. Алтайга ибадаткана салдырган имиш. Анын жоругун кытайлар а дегенде колдоп, элчи, устат жибертип, катнаш мамиле арттырган экен.
Зили жамы Теңирге биротоло оогон кыргыз журтчулугуна бутпарасчылыктын жугуму болбоду.
Биз нечен кылым бабалар табынып-сыйынган Теңирчилик динин илим катары изилдесек, анын ичинен рухий маданияттын бир нече алтын шооласы чубалып чыга келет.
Дүйнөдөгү буддизм, иудаизм, христианчылык, ислам сыяктуу ири диндердин азирети кудайларынын, пайгамбарларынын, олуязаада шайыктарынын, устатокутуучуларынын түп осуяттары, ыйык жазуулары, мурастары элге жетти, алар менен катар үгүтчүлөрдүн, шакирттердин жандооч кошумчалары, түшүндүрмөлөрү, илимий изилдөөлөрү жарык көрдү. Улуу-кичик өлкөлөрдө сыйынган сарайлары, мектеби, институттары, ажайыпканалары бар. Дин күйөрмандары дүйнөнү безип, элди бооруна тартмакка саймедиреп, динге чакырып жүрүшөт.
Байыркы көчмөндөрдүн рухий маданиятында Теңир касиеттүү, терең бутактаган дин болуп жетилсе да, биздин жашаган доордо, XX кылымда эч баа-баркка алынбай, дүйнөлүк рухий маданияттын, илимдин даражасында саналбай, кайдыгерчиликке кабылды. Бул көчмөн элдердин рухий маданиятында чоң өксүк, чоң жоготуу. Заман агымына шайкештелген батышчыл окумуштуулар Теңирчиликти теңине албай, динге, илимге кошпогону, өзүнчө болор-болбос майда ишеним деп жүргөндөрү канча? Теңирчилик ошончолук мусапыр-мажеспи? Жок! Буга шерденүүнүн далилдери табылат.
«Эй, көчмөндөр, мобереги силердин Теңир деген диниңер, илимиңер! Алгыла! Мегиле!» – деп жат бирөөлөр боору ооруп биздин колго кармата салбайт. Аны күтпөгүлө! Акыйкатты өзүбүз гана табабыз. Жеңди түрө шымаланып кудукту өзүбүз гана казабыз, белди бекем курчап, тоону өзүбүз гана омкоробуз. Эми жалтаңдыкты, көз карамалыкты, түркөйлүктү коёлу. Кең пейилбиз, момунбуз деп тобокелге салып момоюп отуруп бергенде болбойт.
«Эмне үчүн Теңир дини деп калдык? Ал эмне ошончолук эле башка диндерден кыйынбы? Мусулманчылыкка киргенибиз жетет. Дүрбөбөй ошону менен эле жашай бербейлиби!» дечүлөр да бардыр.
Туура, диндин баары жакшы, жаманы жок. Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, көкүрөгүң менен тааныйсың. Ак жолуна түшүп, ыйык жол-жоболорун, акылман осуяттарын аткарасың. Жашооңдун, тирүүлүктүн баркын, парзыңды билесиң. Табияттын, адамдын жана өзүңдүн сырларыңды, жеке мүмкүнчүлүгүңдүн чексиздигин, сулуулукту түшүнөсүң.
Теңир да ошондой айбаттуу, касиеттүү жана акылман дин. Теңир дининде бабаларыбыз жана боордош көчмөн элдер далай доор бирге жашады. Миллиондогон бабаларыбыз ошол диндин мээриминде, насааты, осуяты, сабагы, жолу-жобосу менен жашап өттү. Бизге да Теңир берген күндүн шооласы, наары, ырыскы-үлүшү жетип атат.
Эми мен ислам динин чанып, мусулманчылыктан кечкендиктен айтып аткан жерим жок. Кудая шүгүр, анткенге дилим барбайт. Мен силерди Теңирчиликке: «Келгиле эле, келгиле» – деп доолбас кагып тескери жакка чакырып жаткан да жерим жок. Мен башка диндерди сыйлайлы, бабалардын Теңирчилик динин унутпайлы, билели, анын рухий маданиятын, осуят-насааттарын бийик туталы деп какшап атамын.
Ырас, Теңирчиликтин көп жакшы идеялары, салттары, адеп-ахлак жоболору, сабактары төп келгендиктен мусулманчылыкка опоңой өтүп кеткен. А тургай ушул күндө да Теңирчиликтин акылман ойлору, осуяттары, жоболору эл ичинде аңызында, уламышында, оозеки чыгармачылыгында, жорук-жосунунда жашап атпайбы! Азыр да, келечекте да Теңирчиликтин рухий тексттерин жыйноо жана иреттеп, изилдөө өтө кыйынчылыкка, түйшүккө турат. Акыры келип, Теңирди таануу, динин, философиясын сөз кылуу кийинкилердин иши. Биз ошолорго каниет кылып ишенип, көбүн эсе доор алмашканда, кийинки рухий маданиятта өксүк калган муунга билгенибизче терип-жыйнап, тапкан ой олжобузду аз да болсо мураска калтырууга аракеттендик. Калганын өздөрү акыл пештеп, иргеп-тескеп, илгерки бабалардын рухий маданияты экен деп жерибей, ак дилден бапестеп алышсын.
ФУ ЙУ КЫРГЫЗДАРЫНЫН УЛАМЫШТАРЫ
Шаазада Давачы жөнүндө уламыш
Илгери Алтай жана Каңгай тоосу айланасында, тоо бөктөрлөрү менен суу бойлоруна жайгашкан суусу мөлтүр, чөбү чүйгүн кооз бир жер бар экен. Төрт түлүк мал чөлдүн кумунан да көп болуп, ал жерде жашаган элдер Кудайдын да зоогун келтирерлик куунак турмуш кечирет экен. Ошол заманда бул жерде бир падыша болуп, кишилер аны шаазада Давачы деп аташчу экен. Шаазаданын бир сулуу айымы (канышайы) болуп, ал ырдай баштаганда асмандагы булуттар да анын төбөсүнө үйрүлүп, көлөкөсү көлбүп, аягына түшчү экен. Ал бий бийлегенде Орхун дайрасынын суусу да акпай токтоп калчу экен. Анын сүйкүмдүү күлкүсү өңкөй асмандагы жаңы чачырап келаткан Күнгө окшойт экен. Андыктан кишилер аны алтын айым (алтындай жаркыган кыз) деп атаган. Күндөрдүн биринде шаазада Давачы алтын айымы менен бирге шаар ортосундагы чарбакта шарап ичип, бир аз кызымтал болуп калыптыр. Канышайым андан:
- Кишилер сизди нече он миң аскерге кол башчылык кыла ала турган, каары таш жарган отуз эки чоң сангуну бар падыша дешет. А бирок мен аларды эч качан көрбөдүм го? – деп сураптыр. Шаазада Давачы мастыктан көзүн үлдүрөтүп, ордонун теке маңдайындагы бийик тоону нускап көйрөңдөнүп:
- Алтын, сен алыстагы тээтиги бийик тоону көрдүңбү? Ошол тоодо он үч дөбө бөрү тезеги бар. Аны өрттөп түтөткөндө ар кандай чоң шамал болсо дагы түтүнү асманды карай тик көкөлөйт. Бир канча жүз чакырым айланасындагы адам аны көрө алат. Менин отуз эки сангунум жоокерлери менен заматта алдыңа өнөт,– дептир.
Тегинде шаазада Давачынын аскерлери демейде ар кайсы жерде мал чарбачылык менен алпурушчу экен. Кокус түтүн бураганда дароо куралданып, чогулуп ордого келип, буйрук күтүшчү экен.
Көөн кыйышпас айымынын кубанычы үчүн шаазада Давачы уруш отун тутандырууга киши жибериптир. Эми гана үч дөбөгө от тутандырып болгуча, чар тараптан айгай сүрөөн үн менен, добулдай дүпүрөгөн ат туягынын дүбүртү жер солкутуп салыптыр, караса отуз эки жолдогу сангундар от учкуну асманга чачыраганын көрө: «Каныбызжоболоңго жолугуптур» – деп, куткарууга аттанган экен.
Алар шаазада Давачынын шарап ичип, шаттык доорон сүрүп олтурганын, ордо калаанын тынч турганын көрүп, ачуудан өтү айрыла жаздап жанышыптыр. Шаазада Давачы өлүм-көрүмдө өзөктөш сангундарына бет келе албай өтө уялыптыр. А бирок алтын айымынын адамды суктандырган ажайып жамалына карап, өзү жакшы көргөн айымынын алдында өзүнүн айбатынын араанын көрсөтүп койгонун ойлоп, кайра көйрөңдөнө мактана кетиптир.
Көп өтпөстөн падыша Ченлуң зор кол баштап Шинжаңга келиптир. Шаазада Давачынын жээни, хот уруусунун башчысы (аксакалы) Амирсына чыңдарга (Ченлуңга) баш ийиптир. Ал бир канча ирет падыша Ченлуңдун атынан аны багынууга үндөгөн болсо да, илгер-акыр шаазада Давачы жагынан кабылданбаптыр. Амирсына таякеси Давачынын баатырдыгын, айрыкча жөө күрөштө алдына адам салбас кашкөйлүгүн эзелтен билгендигинен улам Давачыны ат чабыш байгеге сунуш кылыптыр.
Давачы болсо жайлоонун жаалдуу баатыры жана чабендеси экен. Кычышпаган жерин тырмаган жээнинин адебин эки колуна берип коймок үчүн ал эч кандай каруужарак албай, атка ээр артпай, жүгөн да катпай Амирсына менен алышууга баштаптыр. Давачынын Фергата тулпарыс деген кардан аппак жалы бар, денесинин сыртына каны тээп чатырап турган, келишкен кызыл тору аты бар болуп, жүргөнүнө жел жетпес күлүк экен. Амирсына шаазада Давачыга кайдан жүрүп теңтайлашмак. Сызылта чаап тоо этектеп келгенде шаазада Давачы атын токтото ооздук тартып, бир кыйла сактап турган соң Амирсына арттан келиптир. Амирсына акактап:
- Таяке, ат чабышта мен саган тең келе аламбы? А бирок жөө күрөштө сен мени жыга албапсың, ынанбасаң жүрү! Тоо жылгасындагы бош секиге барып сынашып көрөлү! – дептир.
Шаазада Давачы өрөпкүп өөдөсүнгөн жээнин үзүл-кесил баш ийдирип биргелешип күч курап, чиң кошуундары менен согушууну максат этип, айкөлдүгүн көрсөтүп, кашкайып күлүп туруп:
- Макул, анда эмесе тоо жылгасына барып сынашалы! – дептир. Шаазада Давачы алгыр бүркүттөй арылдап, кабыландай каарып кирип, биринчи беттешүүдө эле жогору орунда туруп, Амирсынаны удаасы менен үч ирет жыгыптыр. Шаазада Давачы каткырып:
- Оо, акмак жээнчер, тур ордуңдан, сен мени менен үйгө кайт! Биз кыргыздар Чынгыш кан менен Темир империясына баш ийбей каршы чыккан каармандар турсак, эми көзү жоктой болуп, чың кошуундарына кул болмок белек?! – деп жарыя айтыптыр. Амирсына утулганынан тиш жара албай думпуюп турган соң капыстан:
- Баатырлар! – деп кыйкырып жибере замат, анын аскерлери төрт жактан жабыла чыгыптыр. Колунда ыштык темирдей да каруу жарагы жок шаазада Давачы топ душманга теңтайлаша албай чин аскерлери жагынан туткундалыптыр.
Бул күнү алтын айым Давачыны кечке чейин күткөн болсо да, Давачынын көлөкөсү да көрүнбөдү. Ал Давачынын уруш отун тутандырып, аскер чакырткан ишин эстеп, дароо тоого от жагуу үчүн адам жөнөтүптүр. Эки-үч дөбөгө от жагышкан болсо да айлана алиге чейин тымтырс турушун ким билсин?!
Тегинде сангундар Давачыны: «Баштагыдай биз менен ойношуп жатат» – деп ойлошкон экен. Алтын айым абыржып ыйлап жибериптир. Ал өзү тоого чуркап чыгып, кайрадан он дөбөгө от жагыптыр. Бул кезде оттун жалыны асманга көкөлөп, ак түтүн кудум он үч күмүш ажыдаардай абалаптыр. Отуз эки сангун ошондо гана шаазаданын бактысыз күнгө тап болгонуна ишенип, аялүйүл кылбай аскер баштап ордо шаарга келишиптир. Алар шаазада Давачынын Амирсына менен бирге ат чабышка кеткен бойдон кайра оролбогонун угуп, дароо аскер баштап кубалап жөнөптүр. Орхун дайра боюна келгенде кууп жетиптир. Баш сангун Калчор, жардамчы баш сангун Йовгун мерген, отуз эки кол кошуундун дайрадан өтүшүнө башчылык кылыптыр. Дайранын боюнда бир чоң буткана бар болуп, буткананын ичинде миң колдуу, миң көздүү чоң бир алтындан жасалган бут бар экен. Аскерлердин арасында шуйкундуу бирөө буткананын ичине кириптир. Ага буттун ачык турган киндик тешиктери, жыңайлак буттары өтө кызык туюлуптур да, ал жакындап барып буттун курсагын алаканы менен шапалактаптыр. Караса алтын буттун көздөрүн ирмеп жатканын көргөнсүптүр. Ал муну ого бетер кызык көрүп, баш бармагын алтын буттун киндик тешигине тыгып, анан барып таманын кытыгылаптыр. Жана алтын бутту тамашалагандай:
- Күлбөйсүңбү, жана бир күлүп көрчү, мен көрүп багайын,– дептир. Ойлобогон жерден алтын бут кытыгысына чыдабай көз, колдорун ойсоктотуп, сербеңдетип, каткырып күлө бериптир. Бул күлкү менен кошо Орхун дайрасы кудум казан ташкандай толкуп, дайрадан өтүп жаткан кемелерди оодарып жибериптир. Аскерлердин көп бөлүгү дайрага агып өлүптүр. Жардамчы баш сангун Йовгун мерген дайранын бул өйүзүндө калыптыр. Акеси Калчор дайранын аркы өйүзүндө бир нече жүз гана аскер менен калыптыр. Алардын жалгыз топ кошууну чин кошууну менен учурашып, урушуп, акыбетте орошон зор чыгымга туш болуп, Калчор чин кошуундары жагынан колго түшүптүр. Ал жанагы тентек аскер өзүнүн мындай чоң балаа-казаны тилеп тапканын көрү: «Уруу аксакалдарына кайсы бетим менен карайм» – деп, жанынан канжарын алып өзүн мерт кылыптыр.
Баатыр шаазада Давачыны падыша Ченлуңга көрсөтүү үчүн Бээжинге айдап келген экен. Бирок ал падышанын алдында тизе бүккөнгө такыр ынабаптыр. Ченлуң Амирсына аркылуу насаат айтып, аны өзүнө эл кылмак болуптур. Ал Амирсынанын бетине шалп эттире бир түкүрүптүр. Ошону менен бул чыккынчынын бетин жара басып, сасыган бойдон өлүптүр.
Падыша Ченлуң шаазада Давачынын жүрөктүүлүгүнө кайыл болуп, ага үч тал алтын теңгени белекке бериптир. Сарайга мырза камакка алып, эң сулуу канышаларды жана ордо кыздарын жиберип ырдатып, бийлетип, аны баш ийгенге көндүрмөк болуптур.
Шаазада Давачы өз элин, жерин жана сулуу алтын айымын эстеп, сулуу манжу кыздарын карап да койбоптур. Өз сангундары менен ойноп тамашалашканына, чыккынчынын сөзүнө жеңилдик кылып ишенип жүргөнүнө өткөзө бушайман чегиптир. Кишилер ар дайым «баатырлар оңой үмүтсүздөнөт» дешет. Өз журтунун кең жайлоолорунда ат чаап ойногонго кумар шаазада Давачы алиги үч алтын теңгени бир ак жутуп өлүптүр.
Шаазада Давачы өлгөн соң, анын асыл Фергата тулпары чөп тиштеп, суу ичкенди коюп, адамды көрсө эле атырылчу болуп калыптыр. Күндөрдүн биринде алтын айым кан ордодо шаазада Давачыны эстеп олтурса, кенеттен ордо сарайга сүзүп кирген, карарып күлдү-булакай болуп, денесинин баарын дегенедей кылыч менен жебенин жарасы басып бүткөн тулпарды көрүп, тулпар ат алтын айымды көрө замат жүрөк эзе үч ирет кишенеп алып, айымдын аягына жыгылып жан үзүптүр. Алтын айым шаазада Давачынын эми кайра келбестигин түшүнүп, ал жыла басып, кан ордодон бөлүнүп, Алтай тоосуна чыгып кеткенче экинчи көрүнбөптүр…
Ошондон тартып Алтай, Каңгай тоолорунда жыл бою кар эрибес болуп, күн нурунда алтындай нур чачып калган экен. Ар иретки катуу добул, өткүндү бул алтын айымдын шаазада Давачыны кычырап жатканы, карлардын эригени, аккан булак суулары болсо алтын айымдын шаазада Давачыны эстеп төккөн көз жаштары дешет.
Ошондон бери карай кыргыз эли жоболоңго туш болуп тынч алалбаптыр.
Йовгун мергендин падыша Ченлуңга жаа тартканы
Шаазада Давачынын кол астындагы отуз эки жол сангундары арасынан Калчор жана анын иниси Йовгун мерген эң баатырларынан эле. Шаазада Давачыны кутулдурмакка жүргөн Калчор чиң аскерлери жагынан колго түшүп, Бээжинге айдалып келинет. Ал Манчың канына баш ийүүгө ынабагандыктан падыша Ченлуңдун жарлыгы менен өлтүрүлөт.
Йовгун мергенди кичинесинен тарта эле агасы тарбиялап өстүргөн эле. Ал Алтай, Каңгай тоо кудайларына:
- Мен сөзсүз агам Калчорду манжу канынан куткарып алып келем,– деп ант берген.
Ал жөө басып, Бээжинге келип, ордонун кабыл алуу үйүнө удул кирип барып, падыша Ченлуңдан агасын талап кылат.
Падыша Ченлуң Йовгун мергендин сеңирдей залкар кебетесин көрүп, бир аз эндешеге түшөт да ары аны алдап:
- Мен агаңа мансап берип сыртка жибергем, ал тез арада кайра келет. Сен ордо калаада сабыр кылып күтө турсаң,– дейт. Иовгун мерген болсо Ченлуң канга окшош ичинде бүкмөсү жок, кайра ачык-айрым чынчыл адам болгондуктан макул болот.
Ушундайча Бээжинде отуз күн туруптур. Бирок агасынын караанын да көрбөптүр. Ченлуң аны күнүгө асыл арак, семиз эттер менен коноктоп туруптур.
Бир күнү кайдандыр бир жерден учуп келген Алп зумурук куш канатынын кериши менен Бээжин шаары үч күн-түнү күн нурун көрбөптүр. Бул падыша Ченлуңду катуу кайгыга салып, аны күн бою кекиртегинен тамак өтпөс жана уктай албас абалга түшүрүп коюптур. Ал Йовгун мергенди чакыртып алып келген соң элдир-селдир үн менен жалбарып:
- Сен бул Алп зумурукту кууп жибериштин амалын кылбасаң агаң кандай жол таап Бээжинге келалат? –дептир. Йовгун мерген ойлоп көрсө туура, ошону менен ал ок, жааны алып, ордонун үстүнөн зумуруктун чоң бир тал канатын (чалгынын) атып түшүрүптүр. Атып түшүрүлгөн зумуруктун чалгыны эки сарайды басып калып, кулатып салыптыр. Зумурук жараланып учуп кетиптир. Падыша Ченлуң Йовгун мергенди жана алдап:
- Сен чынында кашкөй баатыр экенсиң? Мага жардам кылып, беш жүз сегиз асабалуу аскеримди машыктандырсаң, алар машыкты түгөткөнгө чейин агаң сөзсүз жанып келет,– дептир. Йовгун мерген ага да макул дептир. Ошондон тарта ал күнүгө беш жүз сегиз асабалуу аскерлердин ок, жаа атышта, найзакерлик кашына жетекчилик кылыптыр.
Бир күнү кечке жуук Йовгун мерген жана агасын эстеп калыптыр. Ал бир гана иретте он карапа көөнө аракты ичип болуп, арактын мастыгы менен аскерлер лагеринин сыртына чыгып сейилдеп жатып, сегиз асабалуу аскерлердин кичи мансаптарынын бири тоок чүрпөсүн кармап алып уруп жатканын көрүп калыптыр. Ал:
- Сен килейген неме кичине чүрпөнү уруп кантесиң? – деп сураптыр. Бул кичи төбөл да аракты аябай ичип алып, түндө тоок урдаганга аскерлер лагеринен уурданып сыртка чыккан экен. Ал Йовгун мергендин суроосуна жооп катары:
- Мындай тоокту урганга эмне жаман болуптур? Па дыша тээ илгери эле «улуу чиңдин баатырлары үчүн кыргыздарды өлтүрүш тоок өлтүргөндөн оңой жумуш» деген. Сен алиге чейин агаңды күтүп жүрөсүңбү? Аны эчак эле падыша өлтүрүп жиберген! Азыр анын сөөктөрү да чирип кеткендир! – дейт. Йовгун мерген бул сөздөрдү уккан соң дароо мастыгы тарап, ал баш бармагы менен бул кичи төбөлдү жерге ныктап өлтүрүп жиберип, заматта аскерлердин лагерине жетип барып, ок, жаанын сырты менен уктап жаткан беш жүз сегиз асабалуу аскерлердин баарын уруп өлтүрүп, ал ок, жаасын алып, аккан жылдыздай сызып, падышанын ордосуна бастырып кирип, падыша Ченлуңдан агасын чыгарып беришти талап кылат.
Падыша Ченлуң баштагыдай кытмырлык кылар максатында:
- Беш жүз сегиз асабалуу аскерлер машыктанып бүттүбү? – деп сурайт. Йовгун мерген каткырып үч ирет күлгөнүндө, кан ордо катуу титиреп силкине берет.
Ал жебени тартып туруп:
- Сенин беш жүз сегиз асабалуу аскерлериңдин жамиси жарабас немелер экен. Аларды кооп машыктанууга чыккыла деп, ок, жаанын сабы менен келделерине жай гана уруп койсом, баарынын келделери сасыган дарбыздай жумшарып кетиптир. Алар азыр оор уйкуда,– дейт. Анан соң жебенин огун падыша Ченлуңдун башына мээлеп туруп:
- Агам Калчорду тезден жандырып бер! Болбосо мен сени заматта беш жүз сегиз асабалуу аскерлериңе жолдош кылып коёмун! – дейт. Падыша Ченлуң коркуп кетет. Корккондон тогуз ажыдаарлуу тагынан кулап түшүп, эсинен танып калат.
Йовгун мерген бул падышанын эң эле коркок суу жүрөк неме экенин көрүп, ок, жаанын огун ажыдаар орундукка мадап коюп, теңсинбеген бойдон бастырып ордодон чыгып, Алтай, Каңгай тоосуна кайтып кетет.
Кыргыздардын мындай курч жүрөктүгүн көргөн чың сулаласынын мансаптарлары падыша Ченлуңга маслет көрсөтүп, илгери колго алынган Давачы, Калчорлордун кол астындагы кыргыз аскерлерин Фийлуңжаңдын Айгун, Бүкүй, Хайлар, Холен, Баен катарлуу жерлерине сүргүндөйт. Жана аларды бөлөк-бөлөк сегиз тууга кошуп жиберет.
Ошондон бери карата кыргыздардын бир бөлүгү Фийлуңжаң жергесинде жашаган экен.
Айтып берген: Доюр Забу. Уламыш таркалган жер; Фийлуңжаң өлкөсү. Фую ооданы. Санжазы кыштагы.
Кытайчадан которгон Алмамбет ОСМОН уулу
МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ
КЫРГЫЗ БАЛДАРЫНЫН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРЫ
Кыргыз эл оозеки адабият кенчинин бир кабатын балдар оозеки чыгармачылыгы түзөт. Балдар оозеки чыгармачылыгы өздөрүнүн жаштарына ылайык, өз түшүнүктөрүн, өз ойлорун, оюндарын көркөм адабиятка көтөрүүгө чамалары жеткен. Кыргыз балдарынын көркөм чыгармачылыгы кылымдардан эле келе жатканын анын оозеки чыгармачылык өнөрүнөн байкоого болот. Бирок айта турган нерсе, кыргыз балдарынын кылымдардан келе жаткан оозеки чыгармачылыгына ушул күнгө чейин атайын кайрылуу, аны өз энчиси, өз өрүшү боюнча иликтеп, издеп чогултуу жумушу жеткиликсиз болуп келди. Ошого кыргыз балдарынын ички рухи дүйнөсүнө түшүнө бербей, балдар үчүн берген шыбагабыз абдан жупуну болуп келет. Дегинкиси, балдар чыгармачылыгына көөн коюп, аны эл ичинен чогултуп, өзүнчө ар башка китеп кылып чыгарсак, балдар чыгармачылыгынын көрөңгөсүн сактап берген болор элек. Балдарды өз тили, өз адабияты менен кичинесинен эле жатык жетилдирүүгө болоор эле. Азыркы замандын балдар адабиятын көөндөгүдөй өнүктүрүү үчүн, балдардын кылымдардан келе жаткан чыгармакерчилиги менен таанышпай, анын ыкымын албай туруп, балдарга жарытымдуу бир нерсе чыгаруу кыйын болору белгилүү болуп жүрөт.
Чогултуп, сарамжалдоого кунт койгон кишиге кыргыз балдарынын оозеки чыгармачылыгы абдан мол экен. Анын түрлөрү да, мазмуну да мол болуп, өзүнчө бир адабияттык өрүштү ээлеп келгенин баамдоого болот.
Төмөндө балдар чыгармачылыгынан бир нече түрүн тааныштырып, балдардын оозеки чыгармаларын издеп чогултуунун кичине тоомун көрсөтүүгө далалаттандык.
Мындагы түрлөргө бөлүү, балдар чыгармаларынын көрүнөө турган мазмунуна гана негизделди. Чогулткан, изилдеген кишиге булар тек кыпын гана болот. Ал эми балдар чыгармачылыгы өзүнчө ар башка залкар тоолордой болуп жатат эл ичинде.
I. БЕШИК ЫРЛАРЫ
Бөбөктү бешикке тербетүү, же бөбөктү таптап уктатуу, жубатууда кыргыз балдары белгилүү обон менен айтылган ырдын ыргагы менен уктаган. Биз ал ырларды «өөбай ырлары» же «бешик ырлары» деген шарттуу сөз менен атадык. Кыргыз балдар чыгармачылыгында бул түрдөгү алар төтө балдардын өздөрү жагынан чыгарылбаса да, «балдардын ата-энелери балдарга арнап айтылган ырлары болгондуктан, жана келип бөбөктөрдүн өзүнөн улуу эжелери, агалары тербетип, таптап, сооротуп уктатууга милдеттүү болушкан. Ошого бешик ырларын («өөбай ырларын») төтө эле балдар оозеки чыгарышы да мүмкүн. Биз бул түрдөгү ырларды да балдар чыгармачылыгына шилтеп отурабыз. Эл ичинде бешик ырлардын түрлөрү аябай көп, анын мазмунуна карай, бешик ырлары, эркелетүү ырлары деп экиге бөлүүгө болот. Ал эми аталыш жагынан: алдей балам, оөбай балам, бала эркелетүү деген аталыштар боюнча, бир кыйла жалпы айтылгандарынан үлгү катары беребиз.
АЛДЕЙ, БАЛАМ
Алдей-алдей кулунум, Ай заманда туулдуң. Шекер кошкон буламык, Сары майга жуурдум. Өөбай балам Төлөгөн, Энең сени төрөгөн. Эмгекчи уул болот деп, Ак бешикке бөлөгөн. Алдей балам, Бактыяр, Айдан ачык бакты бар.
Чоңойгондо жыргалдын, Кызыгына батырар
Алдей балам не ыйлайт, Алма жеймин деп ыйлайт. Алмасынан беришпей, Жеке жеймин деп ыйлайт. Өөбай балам неге ыйлайт, Өрүк жеймин деп ыйлайт. Өрүгүнөн беришпей, Өзүм жеймин деп ыйлайт. Кой саайт апаңыз, Кой кошоктойт атаңыз. Өөбай, өөбай бөбөгүм, Өжөрлөнбөй уктаңыз. Жанымдын жапсары, Менин балам аксары. Бышкан нандын ортосу, Жүрөгүмдүн толтосу.
Менин балам ушундай, Мүнүшкөрдүн кушундай. Менин балам канттай, Майга бышкан нандай. Алдей балам, ырысым, Ачык чолпон жылдызым. Айдай жаркып сен күлсөң, Ачылат беттен тырышым. Өөбай балам ысыгым, Өртүң менен ысыдым. Алып келет атакең, Алма, өрүктүн кызылын.
ӨӨБАЙ, БАЛАМ
Өөбай балам неге ыйлайт, Өрүк жеймин деп ыйлайт. Өрүгүнөн балдарга, Бербейт элем деп ыйлайт. Алдей балам не ыйлайт,
Алма жеймин деп ыйлайт.
Алмасынан балдарга, Бербейт элем деп ыйлайт.
Өөбай балам, өөбай,
Өрүк бекен бешигиң, Алдей балам, алдей Алма бекен бешигиң. Өөбай балам, өөбай,
Жийде бекен бешигиң.
Жигит бекен кешигиң. Алдей, алдей, алдей Алдей балам ыйлаба.
Алдей балам не ыйлайт,
Койдон кочкор соём дейт, Куйругуна тоём дейт.
Менин балам бокостой, Майга бышкан токочтой. Токочумдун ортосу, Жүрөгүмдүн толтосу.
Ыйлаба балам, ыйлаба, Энеңдин жанын кыйнаба.
Өөбай балам, ыйлаба
Энең айыл кетиптир, Эмчеги толгон сүт келет. Атаң аңга кетиптир, Канжыга толгон эт келет.
БАЛА ЭРКЕЛЕТҮҮ
Менин балам кардай, Сүткө салган балдай.
Коёнектин колундай, Кекиликтин бутундай. Мандалактай башыңдан, Маргалаңдык айлансын.
Боолап бакал байлансын,
Кыргыздын кылы сынбасын, Жоонун бири калбасын. Айланайын деп жүрөм, Ашырайын деп жүрөм.
Алтын така алдырып, Тептирейин деп жүрөм. Хандын кызы Карачач, Өптүрөйүн деп жүрөм. Кунан койду сой балам, Куйругуна той балам. Атаң тойго кетиптир, Бели толгон эт келет.
Энең тойго кетиптир, Эмчеги толгон сүт келет, Алдей балам, алдей.
- * *
Алдей, алдей ак балам, Ак бешикке жат балам.
Кунан койду сой балам,
Куйругуна той балам;
Алдей балам, алдырман, Алса колду талдырган.
Сүйсө кумар кандырган,
Сагынчыңды жандырган.
- * *
Сал, сал, сал билек, Сары жорго мал билек. Көён кошту кош билек, Колу ичке ак билек.
Кош билерик ак билек,
Сал, сал, сал билек, Сарыбайдын эрке кыз, Алса колду талдырган. Атасынын алдында, Эрке санап отурган.
- * *Тоо кара ташынан, Тоголонгон башыңан. Өнүп өскөн буудайдан,
Сени берген Кудайдан.
Алдей балам, бөбөшүм,
Майга бышкан токочум, Токочумдун ортосу, Жүрөгүмдүн толтосу.
II. ОЮН ЫРЛАРЫ
Кыргыз балдарынын элдик оозеки чыгармачылыгынын ичинде эң көбү жана кызыктуусу «Оюн ырлары» болуп эсептелет. Анын түрлөрү абдан көп, төмөндө биз бир нече кичине түрүн гана үлгү катары көрсөтөбүз.
ЧЫМЧЫКЕЙ
(Эки бала өздөрү биринин колунун учунан колтугуна чейин чымчып, төмөнкү ырды айтып токтогон жерине чейин барып, колтукту кытыгылайт). Алакандан баштап;
Арпа куур, буудай куур,
Ток талкан, ток талкан, Бул жеринде ак бит, Бул жеринде көк бит.
Бул жеринде түлкү,
Бул жеринде күлкү (кытыгылайт).
Чымчыкей,
Чийдин башына кондукей,
Өгөй энем сойдукей, Боор этиме тойдукей.
МАНЖАЛАР КЕҢЕШИ
Бармак: – Ууру кылбайлыбы?
Сөөмөй: – Кылса кылалы.
Ортон: – Кудайдан кантебиз?
Аты жок: – Кудай келгиче.
Чыпалак: – Кууруп-сууруп жутуп иебиз.
Мында, бармак: – Уурулук кылбайлыбы деген кеңешти баштаган үчүн күнөөсү көп болуп, кыска болуп калган экен. Ортон: – Кудайдан кантебиз деп ыйбаа кылгандыгы үчүн күнөөсү жеңил болуп, узун болгон экен. Башка манжалар да өздөрүнүн күнөөсүнө карай, узун-кыска болуп, беш манжа бирдей болбой калган имиш.
* * *
Баш бармак
Бадал иймек
Ортон оймок, Оюу чиймек.
Кичинекей бөпөлөй.
АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК
Ак терек, көк терек, Бизден сизге ким керек? – Жепирейген Жээнбек, Жетип келсин тезирээк. – Ак терек, көк терек, Бизден сизге ким керек?
- Элден эл жагаар,
Бизден сизге ким жагаар,
- Тойго минген тору аттай, Топчуланган манаттай.
Кызыл бешмант кыз керек.
Жайлоодон түшкөн тору аттай, Жайдары сулуу сымбаттуу Жашыл чапан кыз керек.
ЧИКИЛДЕК ОЮНУ
Чикилдектен жеңилгенде, чикилдектин бир жабым узундугунан, болбосо үч чабым узундугунан жеңилген бала өтө ылдам төмөнкү ырды ырдап келет.
Акбай, Токбай, Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай, Кадик болгон башка тай, Катуу чапса чарчаган, Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала, Уруп кетип аркага, Чабалекей чам-чум.
ТАШ МЕЛЖӨӨ
(Таш урганда, урган ташка айтат):
Какты көр, Караны көр.
Как жүрөктүн башын көр, Олокой, солокой
Оңго тий, солго тий.
Как жүрөктүн башына тий.
ТАКТЕКЕ
Тактеке, ай,
Тактеке, ай,
Муундарың бош теке ай.
Мүйүздөрүң кош теке ай. Туяктарың шарактайт, Кулактарың шалактайт.
Бул ыр ооз комуз менен коштолуп, ооз комузга уланган жибек жипти чыпалак менен серпип жасалган текечерчени ойнотуп кыздар ырдаган.
КОЁН ТОМОК ТУТУУ
Баатыр болсом маңдайыман чык, Чечен болсоң таңдайыман чык.
Чебер болсоң колуман чык, Көрөгөн болсоң көзгө чык,
Басаган болсоң таманыма чык.
Коёндун томугун балдар жутушуп, ал томук дененин бир жеринен, теринин алдынан томпоюп чыгат, ал чыккан жерге карай адамдын жөндөмү билинет. Коён томук адамдын жөндөмүн кууйт дегенге ишенген.
III. КАЛПТАР
Калптар кыргыз эл оозеки адабиятында кенен учураган, адамдын акылын теңсеп, иш жүзүндө болуп көрбөгөн нерселерди көргөндөй, чынды чыңырткан көркөм сөз чеберчилиги болуп, көбүнчө балдар өз ара айтышкан, анын калп же чын экенине өкүм жүргүзүшүп, акыл чендешкен балдардын оозеки чыгармачылыгы болуп эсептелет. Калптар эки түрдө: бирөө өлөң түрүндө, дагы бирөө жомок түрүндө айтылат.
ӨЛӨҢ ТҮРҮНДӨ АЙТЫЛГАН КАЛПТАР
Мөл туруптур дегенде мөл туруптур, Кечте сайып байдын кызы олтуруптур. Карагайдын башында көл туруптур, Байдын кызы көк аскада олтуруптур.
Чымын экен дегенде кымын экен, Чылым чектим чымчыктын куу башыдан, Чылбыр эштим чычкандын чуудасынан.
* * *
Мен жогортодон келемин өлөң жүктөп, Он эки кап өлөңдү төөгө теңдеп.
Көпөлөктүн сүтүнө көнөк толгон, Чегирткенин башына бүркүт конгон. Кара булут кайтарып кар жаадырган, Чыбырала жайчынын ташы менде.
Чымынды чымын тууган экен, Чымындын чың семирген убагы экен. Бир кашка чымын жаткан экен,
Бир бутун карагайга арткан экен.
Аны бир адис мерген аткан экен, Тогуз мерген келип сойгон экен.
Териси алтымыш саба, кырк көнөк болгон экен.
* * *
Болтуруптур дегенде болтуруптур,
Бир карагай башында мелт-калт көл туруптур. Бир бөрүнү бир коён тээп өлтүрүптүр.
ЖОМОКТОРДО АЙТЫЛГАН КАЛПТАР
ЧЫМЫН АТУУ
Кара кыяктын чокусуна чыгып карасам, жаңы жердин буудайынын ичинде бир ботолуу төө турат. Ал ботолуу төөнү башка чаап айдап иейин деп келсем, бир бөжөктүү экен. Ошондон кайра салып келе жатсам, бир кашка чымын: «Чаңчаң колу, чаң колу, ата колу, той колу, аталбадым сен колу» – деп башыма да конот, кашыма да конот. Ачуум келип, атып салсам, бир саны атама аш болуптур, бир саны уулума той болуптур.
КАЙСЫНЫСЫ ЧОҢ ЭКЕН
Бир үйлүү кишинин бир өгүзү, үч баласы бар экен. Үч бала чогулуп өгүздү багышыптыр: бирөө башын жетелейт; бирөө курсагын багат; бирөө куйругун багат.
Ортодогу бала сөз ташыр болот. Башын баккан бала: – Өгүздүн курсагы тойдубу? Курсагын бакканы: – Өгүз чычтыбы, сийдиби? – деп сурайт. Куйругун баккан бала: – Чычпады, сийбеди, – деп айтат. Эмесе айдайлы дешип аркадагысы айдап, баштагысы жетелеп, бир чоң көлгө сугарды эле, өгүз көлдүн суусун кургата соруп койду.
Көлдөгү балыктар кургак жерде жатканын көргөн чоң бүркүт келип, балыкты көтөрүп барып, шактары балпайган тоо теректин үстүнө конуп, балыкты жеп жатат эле, балыктын далысы түшүп кетип, теректин түбүндө салкындап бит карап жаткан абышканын көзүнө сайылып калды.
Абышка: – Ой, кемпир, көзүмө бир нерсе түшүп кетти, алып таштачы,– деди эле, кемпир абышканын көзүндөгү далыны алып ыргытып жиберди. Как ошол күнү жайлоого көчкөн кырк үйлүү киши жайлоого жете албай, мына ошол далынын үстүндөгү ак даңгыл тай чабым тайданга келип, боз үйлөрүн тигишип, конуп калышты. Бир кыйла убакыт өткөн соң, ач түлкү жыт алып келип, баягы далыны бир бурчунан тиштеп, сүйрөй баштады эле анын үстүнө конгон баягы айыл: – Кокуй, жер титиреди,– дешип тымтыракай түштү да, башка жакка көчүп кетишти.
Эртеси баягы кырк үйлүүнүн кырк жигити аттанып жатышып, жанакы түлкүнү көрүшүп, чаап алды.
– Түлкүнү союп, терисин алабыз дешип, бир капталын союшуп, бир жак капталынан оодара алышпай, суй чарчашып, бир жалгыз үйлүүгө барып, чай ичип болушкандан кийин, жигиттер алиги түлкүнүн бир жак капталын оодара алышпаганын кеп салышты. Эч кимиси мен барып союп келейин дей алышпады, ал аңгыча төрөгөнү үч күн болгон жаш келин: – Атыңардан бирөөн бергиле, мен союп келем, – деп атынын бирөөн минип жөнөдү. Барып түлкүнү союп, терисин алып келди. Жаңы төрөлгөн ымыркай баласына кулакчы бычкан эле, ал түлкүнүн терисинен малакайдын эки кулакчасы чыгып, маңдай серекче салпынчагына жетпей калды. Андай болгондо булардын кайсынысы чоң экен?
КЫРК КАЛП
Илгеринин илгери заманында Тилехан залим хан болгон экен. Ал бир күнү отуруп өзүнчө жинденип, кан ичмейи кармаптыр да, мындай өкүм жарыялаптыр: – Ким кырк калп айтып берсе, мен ошого кызымды берип аны күйөө бала кылып алам. Эгерим, кырк калп айтып бере албаса, менин алдыма келгенди дарга асып өлтүрөм,– деп бозо менен аракты аралаштырып ичкен хан күпүлдөптүр вазирлерине. Ошону менен көптөгөн кишилер хандын алдына келип, калп айтып берип, кызын алам деп, айтып бере албай өлө бериптир. Хандын дарына асылып, анын тамашасына хан кумарын кандырып жатат экен күнүгө.
Бир күнү бир жетим бала: – Мен Тилеханга кырк калп айтып бере алам,– деп келип калат. Баланын кебетесин көргөн кишилер балага насаат айтып, курулай өлүп каласың, жөн кетип кал дешет. Баланын кейпи жүдөө, колу-буту туурулуп-жарылып, кийими жыртык, бутунда жаман чарыгы бар экен. Өмүрүндө нанга карды тойбой териси сөөгүнө чапташып, ыргыйдай көрүнөт, курамы он беш жаштарда бар экен. Эл кой дегенге көнбөй, бул жетим: – Тилехандын дарынан өлгөн кишилердин жанынан менин жаным артык беле, ошонун бирөө боломун,– деп койду. Ошондо эл-журт ал жетимдин оюна коёт.
Жетим бала, Тилехандын алдына кирип, ийилип салам берет. Тизе коюп баш уруп отурат. Ошондо хан сурайт: – Сен эмнеге келдиң? – Мен сизге кырк калп айтып бергени келдим,– деп жооп берет. Анда хан: – Кырчын өмүрүңдү кыйбай жөн кетип кал,– деп баланы таназарына албаптыр. Бирок бала: «Жыгылсаң нардан жыгыл, бир буйласын кармай жыгыл» деген сөз бар ханым, сиздин дардан өлгөндөрдүн жанынан менин чымындай жаным артык эмес деген экен.
Хан кекээрлене: – Кана, эмесе башта,– дептир.
– Мен, атамдын белинде, энемдин курсагында жатып, неберемдин жылкысын багып, он жыл ичинде калың бүтөп, өзүм катын алдым, мунун бирөө да калп эмес, баары чын, ханым,– дептир.
Жылкы багып жүрүп, жай саратандын ысыгында жылкылар суусап кетти. Суу издеп бир жерге барсам, бир кудуктан суу ашып чыгып, тоңуп калыптыр, мына көрүң, ханым, жай саратанда муз тоңгонун ошондон көрдүм. Ал музду чагып суу чыгаруу үчүн, балта менен чаптым, балтамын мизи сынды, темене менен чокудум, темененин учу токол болду. Бир маалда, курсагыма кеңеш салсам, мындай акыл болду: – Башыңды жулкуп алып урсаң, анан муз жарылат,– деди. Моюнумду толгой кармап, башымды жулуп алып, музга урсам, муз эки бөлүндү. Муздун жаракасынан жылкымды сугарып алдым, жылкыларым суудан ичип, муздун үстүнөн чыккан чөптөн, ооба, бел курчоодон чыккан чөптөн жуушап калды. Мен ошондо уктап калыпмын. Ойгонсом жылкыларым жок. Жылкы карап жүрсөм, чөптүн арасынан бир коён чыга качты, мылтыгым менен коёнду атсам, огум алыс кетти, мылтык оозун анын көөдөнүнө такап атсам, коён өлдү. Союп жатсам, атым үркүп кетти, эмне болду деп карасам, атымды ак куунун моюнуна байлап койгон экенмин, атымды кармап, коёнду соёюн деп камдансам бычагым жок экен. Аны тишим менен сойдум. Коёндун этин бышыруу үчүн тезек тердим, кемегеге тезекти салайын деп жерге төксөм, тезектерим учуп кетти». Карасам тезек терем деп чөптүн арасынан бөдөнө терип алыпмын, ошолор пыр деп учуп кетти. Коёндун этин туздап, күнгө кактап кебек кылып жеп, майын бир бүтүн эле казанга сызгырып алайын деп куйсам, агып токтобой соңунда тешик казанга сызгырып алдым, коёндун майын бир төөнүн, бир өгүздүн кардына куйдум, ашканын өзүнүн кардына куюп алдым. Ошолор менен илешип жатсам, бир айгырым жоголуп кетиптир. Аны он күн, он ай, он жыл издеп таба албадым. Акыры, теменени сайып анын үстүнө чыгып карасам көрүнбөдү, бычагымды сайып карасам көрүнбөдү, анын үстүнө кынын улап карадым көрүнбөдү, мундай керексиз көздү чукуп салайын деп карасам, башым баягы муз жарган жерде калган экен, таппай калдым. Курсагыма кеңеш курсам: – Айгырың асманда жүрөт,– деди. Булутка минип, асманга чыгып карасам, айгырым ошондо туруп калган экен. Кулунун кармап, айгырга өңөрсөм, айгыр көтөрө албады. Кулунду минип, айгырды өңөрүп, бычагымы калак, кынымды кайык кылып жерге түштүм. Чаалыгып, чарчап калган жаным уктап калыптыр. Бир маалда ойгонуп жылкымы тойторуп келип баягы койдун майынан бир жутуп алдым да, калган майын өтүгүмдү майладым, оң жак өтүгүмө жетип, сол жак өтүгүмө жетпей калды, уктап калыпмын, бир маалда дүбүрт чыгып калды. Ойгонуп кетип карасам, эки өтүгүм мушташып жаткан экен. Май жеткени, май жетпегени менен кызылдай эле мушташып калыптыр. Башы-көзү жарылыптыр, экөөн эки чертип, эки жакка жакжайта коюп салдым да, кайра уйкумду улай бердим. Эртеси саар менен турсам, май жетпеген өтүгүм качып кеткен экен. Эки бутуму бир өтүккө кийип, аны беш күн, беш ай, беш жыл издедим. Ал арада аялым өлүп, атым чаалыгып өлдү, өзүм жөө калдым. Жөө баратып бир касапчыга жолуктум. Ал касап бир өгүздүн кекиртегине коон эгип бышырган экен: – Балам, кайда барасың,– деп кайрылып калды. Өтүгүмү издеп баратканым айтсам: – Табалбайсың, коон жеп ал,– деди. Бир коон үзүп берди. Коонду бычам деп бычагымды коондун ичине түшүрүп ийдим. Бычагымы издөөгө чечинип коондун ичине кирдим, беш күн, беш ай, беш жыл коондун ичинде бычак издеп жүрүп мына бүгүн сиздин шаарга келип олтурам, ханым,– деди.
Айтып ошо жерге келгенде, Тилехан кайра суроо салып, сен айткан кудуктун суусу ашып жаткан маалда күн узун бекен, кыска бекен? – деп сурайт. Анда баланын жообу: – Казандай ташты кудукка салсам бир күн кечке дейре түбүнө жеткен жок,– дептир. Ошондо Тилехан өңү кубулуп вазирлерине өз өкүмү боюнча кызын ушул кырк калпты айткан балага буйруган экен.
IV. БАЛДАРДЫН КОРДОШУУ ЫРЛАРЫ
Кыргыз эл оозеки адабияты ичинде балдардын кордошуу, маскаралашуу, ардантуу ырлары аябай өнүккөн. Балдардын кордошуу ырлары алардын жетилүүсүнө, өз айыбын актап, намыстуу болуусуна аябай таасирин тийгизген. Ар бир бала өзүнө бүйрө болуп, маскарага калбоого бөтөнчө маани берүүгө бул ырлар өз таасирин тийгизген. Кандайдыр бир айып-кыйыбы бар баланы эреже катары чыгарылган кордоо, маскаралоо ырлары менен жөнгө келтирген. Жана келип, балдар ар кандай убакта өзүнө айтылган кордоо ырларына ыр менен жооп кайтарууга, ырдын кубатынан пайдаланууга алып барып, кыргыз балдарынын оозеки адабиятта тасыгуусуна өбөлгө болгон, чечендик, чыгармачылыкка чыныктырган.
Балдардын оозеки кордоо ырлары чогултулган материалдарга караганда эки чоң топко бөлүнөт. Анын бирөө «Акынек айтышуу», дагы бирөө маскара ырлар. Төмөндө бул эки чоң түр боюнча үлгүлөр катары бир нечени тааныштырабыз.
АКЫНЕК
Жеңишин көрүп кыргыздын, Күкүктөр чоор тартышты.
Акынек куштар айтышты.
(«Семетей»)
«Манас» эпосунда берилген маанисине караганда, «Акынек» куштун аты кептенет. Бул канаттуу жандардын ичинде күкүккө окшош сайроочу куш болуп, шакка конуп, алым сабак сайраша турган куштар болгон.
Кыргыздардын балдарынын «Акынек айтышуу» ырлары да эки жаат боюнча, же эки бала алым сабак айтышып ырдашат. Ошого акынек айтышкан кушка элестүү түрдө, кыргыз балдарынын бул айтышуу ыр түрүн «Акынек» деп атап койгонбу деген ой келет.
Акынек балдар кордошуу ырынын эң көлөмдүүсү болуп, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүдө акынек зор майдан болуп берген. Төмөндө акынектин түрлөрүнөн үлгү катары көрсөтөбүз.
Менин атам сурасаң, Берене кымкап жазданган. Бейли жумшак алпейим, Бектин уулу баштанган. Сенин атаң сурасаң, Өрө кийиз жазданган. Үлүрөйтүп көздөрүн, Өлгөн бука баштанган. Менин атам сурасаң, Балыш мамык жазданган. Балпайыңкы дөөлөтмөн Байдын уулу баштанган. Сенин атаң сурасаң,
Ала кийиз жазданган.
Акырайтып көздөрүн, Ала бука баштанган.
Тескейдеги менин атам, Тезек терген сенин атаң.
Күңгөйдөгү менин атам, Күлдүү көмөч сенин атаң.
Менин энем сурасаң, Башайы кийип булактайт. Сенин энең сурасаң, Ак мата кийип ыйлактайт.
* * *
Сенин атаң малакан, Сарык байдын[1] сазорот Саманын кошпой таза орот.
Сенин атаң Мырзакан Акырындан аш орот, Маясын таштап баш орот.
КИМ АЙТАТ
- Ысык-Көлдө балык бар,
- Балык бар деп ким айтат?
- Байдын уулу карга айтат.
- Карга айтат деп ким айтат?– Карап турган киши айтат.
- Киши айтат деп ким айтат?
- Кишендеги тай айтат.
- Тай айтат деп ким айтат?
- Таякелүү Кутка айтат.
- Кутка айтат деп ким айтат?
- Кудуктагы бака айтат.
- Бака айтат деп ким айтат?
- Бакырып турган эчки айтат.
- Эчки айтат деп ким айтат?
- Энеси өлгөн теке айтат.
- Теке айтат деп ким айтат?
- Термечиктин уулу айтат.
- Уулу айтат деп ким айтат?
- Капка салган ун айтат.
- Ун айтат деп ким айтат?
МАСКАРАЛОО ЫРЛАРЫ
УУРУГА
Ууру, ууру Уйдун богун жууру.
Тамекенин ачыгы,
Таңдай байдын күчүгү Күч-күч, күч-күч.
СОРГОККО
Кардың ачса кака же, Кабыргалуу бака же.
Тойбой калсаң бакага, Тоңуп калган така же. Өлөң-өлөң өлөң же, Өлөң чөптүн көтүн же. Бүрсүгүнү буудай же, Буурул чөптүн көтүн же. Соңгу күнү сомо же, Соргок болуп көбүн же.
КАЧААККА
Кетсең, кетсең кете бер, Керме тоого жете бер. Балаңдын атын Мамай кой, Башын отко кактай кой.
Майы чыкса жалай кой.
ЧАЛАЙГА
Чалай, чалай чалдырак, Казанга жапкан калдырак. Аны алып жеп койгун, Эрмат чалай чалдырак.
БЕЧЕЛБАЙ, БЕЧЕЛБАЙГА
Эсел, Эсел бай, Эки өтүгүн чече албай Эжесине жете албай.
Эси кеткен Эселбай,
Агын суудан өтө албай Агып өлгөн Эселбай.
- БАЛДАРДЫН АЙБАНДАРГА, ТАБИГАТКА КАЙРЫЛГАН ЫРЛАРЫ
Кыргыз эл ооз адабиятына балдардын айбандарга, табиятка кайрылып, аларды сүйлөтүп, же алар менен сүйлөшүп ырдаган ырлары бир кыйла салмакты ээлейт. Бул ырларда негизинен айбандардын өзүн өзү айтуусу негизги орунда турат. Кыргыз балдары кандайдыр бир жаныбарды көргөндө, ага карата «Сенин ырың» деп ырдап жиберет. Бул түрдөгү чыгармачылык балдардын тили менен айбандарды жете табияттын башка мүчөлөрүн сүйлөткөн, алардын оозу менен берген балдар адабияты болуп эсептелет. Анын аткарылышы ошол айбанды же табияттын кандайдыр бир мүчөсүн көргөндө аткарылат.
КЕКИЛИК
Кекиликмин кедеңмин, Кер тору аттан күлүкмүн. Келин-кыздан сулуумун, Айыбы көзүмдүн жыртагы.
Көтөнүмдүн чычкагы.
УЛАР
Улар, улар уют,
Толубай куруйт, Толубай куруйт. Ташка чыксам, таманым ооруйт, Өөнгө түшсөм, Толубай мерген коруйт.
ТУРУМТАЙ
Куу-куу, куу-куу турумтай, Жиги-жиги турумтай.
Бетегенин түбүндө.
Чүрпөң калды турумтай. Куу жыгачтын башында, Балаң калды турумтай.
БӨДӨНӨ
Бытпылдык, бытпылдык, Башка чапса эрте өлдүк.
Көчүккө чапса бытпылдык.
ҮКҮ
- Билек го, билек, күч кандай?
- Ү деген үн бар,
Үксүйгөн менде жүн бар. ,
КОЁН
Ү… ү… ү…үлөп,
Үкү салат чеңгелин.
Түн ичинде оттотпой,
Түлкү жойлоп келгенин Бул Кудайдын буйругу. Бүркүт, кушу, ылачын, Бу да салат чеңгелин.
Айрыкча мени куткарбайт,
Ары бир кыйын пенденин. Колумдун эти кош туурам, Койчу мени кубалайт. Белимдин эти беш туурам, Бээчи мени кубалайт. Боротоюм чоңоюп, Боз коён боло албады. Кыроотоюм чоңоюп, Кызыгына канбады.
Коёнектин көй сорпо,
Кой маңканыкы суюк сорпо.
АЙБАНДАРДЫН БАЛДАРЫН ЭРКЕЛЕТКЕНИ
Төө баласын сүйөдүр, тайлагым деп, Күлгө оонаса коркпогон, жайнагым деп. Жылкы баласын сүйөдүр, кулунум деп, Кырдан кырды аттаган дулдулум деп. Уй баласын сүйөдүр, торпогум деп, Караңгыда баспаган коркогум деп. Кой баласын, сүйөдүр, козугум деп, Эчтекени билбеген озугум деп.
Эчки баласын сүйөдүр, улагым деп, Таштан-ташка секирген чунагым деп. Ит баласын сүйөдүр, күчүгүм деп, Күлдөн мурдун үзбөгөн бучугум деп.
VI. БОЗ БАЛДАРДЫН АШЫКТЫК ЫРЛАРЫ
Кыргыз эл ооз адабиятында ашыктык ырлары аябай өнүккөн. Ошонун бир бөлүгүн балдар оозеки чыгармачылыгындагы «Боз балдардын» ашыктык ырлары, же болбосо ашыктыкты аңсаган ырлары болуп эсептелет. Бала жашынан жашанып бара жаткан балдарды боз балдар деп атайт. Боз балдар жетилип, жигит болуп калган балдарга таяп барган куракта болот да, көбүнчө бойго жетип «жигит» болуп калган балдарды ээрчип калат. Мына ушул куракта боз балдар деп атап коёт да, боз балдар да ашыктыкка жытыгып, аңсап ыр чыгарышкан. Аларга тойдогу соорундан, кыз ойноктон ыр кезмети берилбесе да, өзүнчө ырдашып, ырдап коюп жүрүшөт. Боз балдардын ашыктык ырлары балдар адабиятында кандайдыр бир белеске көтөрүлгөн түрү катары өзүнчө турат. Төмөндө бир нече үлгү көрсөтөбүз.
КИЧИНЕКЕЙ БАЛАМЫН
Өзүм кичик баламын, Өрдөккө кушту саламын. Кыябы келген күндөрү, Кыз кучактап каламын. Өзүм кичик баламын, Ташка чыгып аламын. Атакемдин бели бош, Качан катын аламын.
МЕНИ МЕНЕН ОЙНОБОЙТ
Кичинекей турумтай, Сууга салсам бойлобойт. Теңтуш жүргөн кыздарым, Мени менен ойнобойт.
Кош билерик салайын, Колукту кылып алайын. Жез билерик салайын, Жеңе кылып алайын.
ӨБҮШПӨДҮМ КЫЗ МЕНЕН
Өпкө жедим туз менен, Өбүшпөдүм кыз менен. Чымчык аттым чий менен, Чымчышпадым кыз менен.
VII. ЖАҢЫЛМАЧТАР
Жаңылмачтар балдар оозеки адабиятында басымдуу орунду ээлейт да, тилди тактоо, так сүйлөө, куюлушкан сөздөрдү төп айтуу максатында чыгарылган, көркөм, жорго сөздүү адабият болуп эсептелет. Жаңылмачтарды кээ бир жергиликтүү айтымдарда «тил сыдырмак» деп коюшат.
Жаңылмачтарды аткарууда балдар мелдеш боюнча айтып, жаңылгандарга белгилүү жаза берет, так айткандар мөрөй алат.
Төмөндө үлгү катары бир нече гана жаңылмачтарды беребиз. Жаңылмачтардын өзү эле бир китеп болуп чыга турган көлөмдө болуп, бул жерде андан көп берүүгө мүмкүнчүлүк жок.
- * *
Сен секелек, сел келет, Сегиз теке тең келет.
Мага силкпей талга силк,
Талдын мойнун айра силк.
- * *
Беш жүз кашка эшек, Бешенеси башка эшек.
Баспай калсаң баткактан,
Башың тийсин кашка эшек.
- * *
Бир жагыма машак артындым, Бир жагыма таш артындым. Машагым ооп ташыма тиет, Ташым ооп машагыма тиет. Машагым ооп ташыма тиет, Ташым ооп машагыма тиет.
- * *
Капталды капталдай баскан кабылан, Кагылайын аныңан.
Шор жалаган кабылан, Шортулдаган аңынан.
- * *
Түбөй, беш кашка коюм, Бешөө беш башка коюм.
Коюм жыйырмага жетпей картаямбы,
Картайган койду картайган койчу кайтарарбы?
- * *
Былык-былык, былык таш, Быкылдама кызыл таш.
Таш бекен татак бекен, Таргылала матак бекен? Коргошундан кулак бекен, Кокуй караса чунак бекен?
Даярдаган Кушубак ӨМҮРАЛИЕВ
АКЫН БЕЧЕЛ
Кытай кыргыздарынын ХХ кылымдагы жазма ырчылыгына негиз салган, демократтык адабияттын баштоочуларынын бири болгон Бечел Токтокожо уулу 1891-жылы азыркы Артыш шаарына караштуу Тегирмети айлында жарым малчылык, жарым эгинчилик менен машкылданган кедей үй-бүлөдө дүйнөгө келген. Ал боштондуктан мурун жазган ырларынын жана катышкан көңтөрүштөрдүн сазайын тартып, «Маданият көңтөрүшү» делген капсалаң кыймылда жүрүп турган мезгилде дене жактан жабыркап, руху жактан басмырланып, 1968-жылы дүйнөдөн кайткан.
Бечел он жаштан он беш жашкача Сары молдо деген кишиден диний сабак алып, өзүнүн кат-сабатын чыгарган. Ал окуп жазууга өтө дилгир болгондуктан, өздүгүнөн изденип, көптөгөн жаңы түшүнүктөрдү өздөштүргөн. Анын чыгармачылыгы 1915-жылы Кенжебай деген кишинин кызынын тоюнда ойнотоордо токмок салса турбай койгон бир аялды келекелеп ырдаган. «Сумсары» деген ыры менен башталган.
Бечел Кумулда көтөрүлгөн Кожонияз башчылыгындагы дыйкандар көтөрүлүшүн колдоо наамында 1934-жылы «Бычанда башталган өкүмдар Жиншуринге каршы эрөөлгө актив катышып, көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Осмонаалыны ээрчип, Кашкардын кадимки сепилине ат менен чыгат. Ушул барышта жоокердик жортуулду баштан кечирип, көңтөрүштүк темаларды чагылдырган ырларды чыгарат. Ал жаңыча окуп жазууну өздүгүнөн үйрөнүп Тегирмети айлында билимдүүлөрдөн болуп саналгандыктан 1939-жылы Тегирметидеги жаңыча курулган башталгыч мектепке мүдүр болгон. Бул кезде акын «Жол алганым кандайдыр», «Кургакчылык», «Кембагалдык курусун», «Боз айгыр», «Осмонду пааша шайладык» сыяктуу бир далай коомдук турмуш сүрөттөлгөн ырлар менен «Секетпай», «Күйгөн» деген эки тема астында ыйгарылган миң сапка жакын сүйүү ырларынын автору болуп калат.
Бечел азаттыктан кийин социалисттик өзгөртүү, ыслаат (реформа) доорун сүрөттөгөн. «Айта турган кез келди», «Мен жазайын», «Тегирмети тегиз жер» дегендей бир кыйла ырларды жараткан. Ал демократтык доор менен социалисттик доорду салыштырып, аны көркөм ырлар менен бир бирин улаган акындардын бири болгон.
«Кызылсуу гезитинин» 1957-жыл 11-августтагы санында жарыяланган «Мен жазайын» деген ыр Бечелдин көзүнүн тирүүсүндө жарык көргөн бирден бир чыгармасы болуп калды. Калганы түгөлдөй кол жазма жана оозеки түрдө эл арасында сакталган. Бечел кайтыш болгондон кийин анын ырлары «Уулуу чөп» деп караланып, талоорунга алынган. Өзү жазып, түптөп койгон кол жазмаларынын азыргача изи чыкпай калды. Биз көп жылдардан бери текшерүү, салыштыруу аркылуу элдин эсинде жатталып жүргөн. Бирөөлөр бирөөлөрдөн көчүрүп алган чыгармаларынын бир бөлүгүн тапкан болду.
Демократтык жана социалисттик кыргыз адабиятын теменедей тепчиген бул асыл мурастар жөнүндө төмөнкүдөй анализ алып барабыз.
Бечелдин чыгармачылык идеясынын өркөндөө барышына зээн салганда, катмардуулук байкалат. Ал алгачында өз айланасындагы коомдук кагылыштарды, өзүнүн теги-жайы, жардылыгы, «Сумсары» аялдын өзүн кемсинткени, сүйгөнүнүн акчасы бар адам тарабынан алып кетилгени сыяктуу окуяларды жана жеке башынын кайгы-капасын орчундуу сүрөттөйт. Буга «Сумсары», «Жол алганым кандайдыр», «Кембагалдык курусун» сыяктуу ырлары күбө болот.
Бечел чыгармачылыгынын экинчи катмарында паракорлук жана пейил коомдук байланыштын бузулушу, бийликтин аз сандуулары үчүн кызмат кылгандыгы, элдин кунары кетип, момундар азап чеккен, шылуундар доорон сүргөн теңсиздик жөнүндө нааразы болгон ич көбүгүн, келишпес мунасасын туюнтат. Акындын турмушка болгон философиясы, жакшылык жана жамандык жөнүндөгү пикири тереңдешип, жерлик ырчылык алгагынан өтүп, өз кезинин озот (мыкты, отличник) ойлорун, жаңылыкты жактоо, мекен сүйөрлүк, демократизмдик идеяны өзөк кылган караштарын жаңы тургуда туруп, түрдүү эркин ыкма менен ачып берүүгө жетишкен. Ал кездеги ырлары «Айтайын теңтуштарга бир насыят», «Боз айгыр», «Тегирменге тартылат анын башы» сыяктуулардан турат.
Бечелдин азаттыкка, көңтөрүшкө шык байлаган кызуу сезимин толук туюнткан чыгармасы «Осмонду пааша шайладык» дастаны болуп, чыгармада Кашкарды сураган кандуу камчы Чыңлоеге каршы Каражүлдүн Бычаң деген жеринде көтөрүлгөн Осмонаалы башчылыгындагы козголоңдун бүткүл барышы бирме бир сүрөттөлүп, Шиңжан тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болгон. Бул иретки көтөрүлүштүн маңызы толугу менен көркөм ачылып, ага катышкан оң жана тескери тарыхый кейипкерлердин образы толук жаратылган. Дастандын башында мындай саптар бар:
Үлпөттөш жүргөн азамат, Үйүндө бирөө калбаган.
«Кытайды кырып келсек» – деп, Кызыталак Чыңлое
Кыргыздын баарын алдаган.
Ушуга караганда, Бечел ошол кездеги өтө татаал болгон улуттар байланышын бир кыйла туура көз менен баамдап, үстөм таптар менен кара калкты ажырата билген. Дастанда көтөрүлүштү колдогон түрдүү жердеги түрдүү элдин ой-тилеги, уйгур кыргыз улуттарынын биргелешип Кашкарга басып киргендиги, кыргыз жоокерлеринин сепилге ат менен чыккандыгы, көтөрүлүштүн сүрүнөн чочуган бийлик ээлери Кашкарды таштап качкандыгы, жамгырдай жааган окко карабай, ысык канын Кашкар сепилине төккөн жоокерлердин кайратын, өлүмү жана жеңиши, көңтөрүлүштү ичинен чиритмек болгондордун өз жазасын тартышы, кадимки Кашкарда бийлик куруп, ак калпагын кырдап калдайып басып калган кыргыз жоокерлеринин маанайы жана оорагы зор дем менен ырга кошулат.
Бечелдин өкүлдүк мүнөзгө ээ атактуу чыгармаларынын бири «Ысакбек» балладасы болуп, бул чыгарма 1949-жылы үч аймак көңтөрүшүнүн жол башчылары Акматжан, Ысакбек, Далелкандардын айрыплан окуясына жолугуп кайтыш болгондогу байланышы менен жазылган. Балладада Ысакбектин катын менен баладан кечип, жеке пайдасын көздөбөй Акматжан сыяктуу жетекчилер менен биргелешип, Шиңжан элинин азаттыгы, эркиндиги үчүн кан кечип салгылашкан кыргыздын баатыр уланы, атактуу генерал экендигин, ал аткарган жана аткармакчы болгон иштердин эл-жер үчүн өтө ыйык, өтө улуулугун Ысакбектин генералдык даражага жеткен талантынан, сиңирген эмгегинен кыргыз элинин жүзү жаркып, эңсеси көтөрүлүп, теңдиги колго тийгенин аябагандай кадырлуу даңазалоо менен ырга кошот.
Бечел өзү ырдаган сүйүү ырларына өзү обон чыгарып, комуз менен аткарып, чыгарманын көркүнө көрк кошкон. Ал акын катары эле эмес, бир канча муңдуу обондордун автору катары «Бечелдин обону» деп аталган обондордун ээси болуп эл оозунда айтылып жүрөт. Кыргыз музыканттары анын обонун нотага түшүрүп, обончулар сахнада обондоп жүрүшүүдө.
Кепти тыянактап айтканда, Бечелдин кытай-кыргыз адабиятындагы орду жана ролу анын чыгармаларынын мазмундуулугу, көркөмдүүлүгү менен өлчөнөт. Өз кезинде түштүк Шиңжандагы кыргыз райондорунда Бечелдин аты бир кыйла тааныш болгон. Биз акындын ырларын жыйноо барышында Тегирмети, Каражүл райондорунан эле эмес, Улуучат, Акчий оодандарында Бечелдин ырларын жатка билген адамдарды жолуктурдук, кол жазмаларды көрдүк. Бечелдин ырларындагы өзөктүү эрекчелик жана ыкма сынчыл реалисттик түскө канык болгондугунда. Ал жерлик бийлердин, казылардын, манаптардын жоорун чукуган ачуу саптарды дал ошолордун алдында, эл арасында тикеден-тике жарыя кылат. Ал түгүл бир кыйла жердик төбөлдөрдүн атын тизмелеп айтат. (Кыргыз адабият тарыхынан кыскартылып алынды).
БЕЧЕЛДИН ЫРЛАРЫНАН
ЫСАКБЕК
Абалы сөздүн башы бисмилла, Айтайын акыйкатты ысыгында. Генирал Ысак Луйжан[2], Акмат Жуши[3] Экөө үчүн айтылат ушул кысса.
Жазайын тобокел деп тарыгыңды, Жаяйын жалпы калкка таарыбыңды.
Тарыхың бир миң үч жүз алтымыш сегиз[4] Тарыбыз тамам калкка тоодон эгиз.
Канатын жайган эле калкка тегиз,
Карааныңды бир көрсөк деп кайгы жейбиз.
Асманда Айдан жарык жылдыз эле, Атагы ай тамгалуу кыргыз эле.
Атасы Монон ажы Момун эле, Айтканы бир насыят орун эле.
Башында байлык менен жатыр эле, Бала күндөн бардык калкка баатыр эле.
Ысымы Ысакбек деп чыккан эле, Ыраак менен жакынкы уккан эле.
Көңтөрүш башталганда ырастанып, Кыр көрсөткөн душманын кыскан эле.
Акыйкат адал сыры ыслам эле, Азаттык майданына чыккан эле.
Азаттык майданына сапар кылган, Аскерлерин о ситройлоп катар кылган.
Жарагын запастатып тегиз кылган, Теңдикке даражасын эгиз кылган.
Туйлатып тулпарларын семиз кылган, Көрүп туруп гоминдаңдын[5] шагы сынган.
Калк үчүн кайда болсо кезген эле, Катын менен баладан безген эле. Кайерде катуу моюн душман болсо, Канунга баш ийдирип келген эле.
Кылган иши бузулбай тура берген, Ташка басса тамгасы таамай келген. Таарыбын уккан дөөлөт[6] баа берген, Тарыхтагы кызматы тегиз тийген. Мартабасы барган сайын жогорулап, Генералдык даражага жетти делген. Жанына жардам эле Шайы мерген Шар коюп ар тарапка кете берген.
Өз пайдасын көздөгөн жекчеилдер, Өзгөрүлүп болду эле сарыкерден.
Сак кутулду саламат далай селден, Даанышман чыккан эле кыргыз элден.
Кызыры жардам кылса кысылганда, Кылган иши кыйын өткөн СССРга.
Сырдашып кол коюшкан беш шаарга, Береним Акмат жуши бир жанында.
Бел байлап белгиленген кызматына, Пезилетиң калкка тийип турганында.
Бендеңди бир шекилде жетим кылба, Кара тоого бир толуп нур чалганда.
Калк үчүн кайда болсо тез барганда, Катташып кайрат берип Гуңчендаңга[7].
Канча түрлүү жумушу ал болгондо Пикири чындык болгон бүт Шинжаңга.
Билими сизче болбос көп инсанда, Кабылган кайран төрөм Ысак баатыр. Кадырлуу жан жолдошуң Акмат жуши Кабарсыз кайып болду бул жалганда.
Калктын баары кайгырып жетим болду, Канат жайып каркыттап оң да, солду. Сооптун пайдасы бар дечү эле го, Сапардан кайра келбей кандай болду.
Алтын тууң оодарылып айып болду, Арстандар учуп жүрүп кайып болду. Ал күнү акыр заман тарых болду, Арстандар эл ичинде таарып болду.
Кыскача баяндалды кылган иши, Кыргыздын чечени эле кайран киши.
Кызматынын натыйжасын көп көргүнчө, Кырк калктарын бир катарга өткөргүнчө.
«Кыстаган турмуш жеңет» деген экен, Кылчайбайт кыя тартып ажал келсе.
Суу куйса сууйт деген жаккан отту, Сундурса ким токтотот аткан окту.
Суроо салып өкүмөт таба албаптыр, Султандарды бир көргөн адам жокпу?
Кармаса кол күйбөйбү кызыл чокту, Кандай адам токтотот аткан окту. Караттырып өкүмөт табалбаптыр Кайрандарды бир көргөн адам жокпу?
Алтындан медал алып таккан эле, Ар иши армияга жаккан эле. Күмүштөн медал алып таккан эле, Көп иши гунчендаңга жаккан эле.
1949-жылы акындын «Сайрап өткөн Сандыгач» деген ыр жыйнагынан алынды. Шинжаң эл басмасы, 1995-жылкы басылышы.
[1] Жер аты.
[2] Луйжан – аскери чен, даража.
[3] Акмат Жуши – үч аймак өкүмөтүнүн төрагасы.
[4] Камария жыл эсебин айтып жаткан болуу керек.
[5] Кытайдагы партыялардын биринин аты. Кер көңтөрүшчүл.
[6] Дөөлөт – мамлекет деген мааниде айтып жатат.
[7] Гуңчендаң– Кытай коммунисттик партиясы.
СОМСАРЫ
Кечеки болгон оюнда, Кенжебай бийдин тоюнда. Токмок салсам коппойсуң, Тоюнуп калган окшойсуң. Шагымды жаман сындырып, Шайтанымды козгойсуң.
Адырга чыккан чий беле,
Адамсып коппой койгундай Атаңдын башы бий беле?
Эгизге чыккан бий беле,
Эскиркеп коппой койгундай Эриңдин башы бий беле? Жар бойлоп учкан жар канат, Жалгызда жанын эш кылат. Жетим өскөн кызалак, Кайсы алына пеш кылат.
Сай бойлоп учкан бир сагым, Дан кармап буудай болгон жок. Саксайып коппой койгонуң, Саадактуу атка конгон жок.
Кыраңга чыккан томотой, Кызарып алма болгон жок.
Кыйшайып турбай койгонуң,
Сомсары,
Кылыктуу атка конгон жок.
Эшек маңдай куу катын, Элүү жашка чыккынча
Жибибеген куу жатын. Үчөлсөм бардыр сендигим, Кай жеримде кемдигим.
Адам деп токмок шийледим, Андайыңды билбедим. Акундун кызы Чүрөктөй, Сен көзүңө илбедиң.
Сомсары десем сонунбу, Жамандап сени ырдасам, Жаңыдан чыккан боорумбу?
Сооруңа токмок илинди, Соодарлыгың билинди. Кераматың көрөйүн, Кестирип алчы тилимди.
Оромолуң курчанып, Отурасың кумсарып.
Ким көтөрөт капаңды,
Маа кек сактап алгындай
Сомсары,
Өлтүрдүмбү атаңды?
Жаман ырдап салды деп, Сомсары жардан учуп өлбөсүн. Маметжусуп соргогуң, Жалгыз кой союп көмбөсүн!
ЖЕРИБИЗ КАКЫР ТАШ БОЛОТ
Атактуу акын Казыбек кытай жергесине баш пааналап келип, көптөгөн ырларды чыгарып, жергиликтүү эл менен камыр-жумур болуп аралашып жүргөн. Ошол учурда Казыбек Тегирмети айлына келип бир мезгил туруп калган. Ошондо Бечел Казыбекке өз жерин тааныштырып ушул ырды айткан экен.
Жерибиз какыр таш болот, Жегени конок аш болот. Он үйлүүгө бир киши, Ороңдонуп баш болот.
Ичкени булак суу болот, Байынын кеби уу болот.
Балдары түгөл куу болот.
Айткан кеби ишке ашпай, Баш кошкон жерде чуу болот!
КАЗЫБЕК ЖӨНҮНДӨ
Чөйрөдөгү эл Бечел менен Казыбекти айтыштырууну көздөп, соорун даярдап, биринчи кезекти Бечелге бергенде Бечел ушул эки сабак ырды ырдаган экен. Казыбек: «Катуу багытта мындай акын табылбас» деген пикирин айтып, жолоочу болуп жүргөндө кайым айтышпай эле коёлу деп Бечел менен ырдашпаган экен. Бечел Казыбек жөнүндөгү ырын мындай деп баштаган:
Адырлуу жерде сайраса, Абаны чыгат булбулдун.
Айдалып жүрүп келгенин, Айтыптыр Казы кургуруң. Талдуу жерде сайраса, Табышы чыгат булбулдун. Түрмөгө түшүп келгенин, Айтыптыр Казы кургуруң.
ЖЕЙРЕН БУЛАК, ШОР БУЛАК[1]
Жейрен булак, Шор булак, Жейрендей көзүң жоодурап. Жерлиги жакшы келиндин, Желпинсе койну гүл бурап.
Аркар булак Шор булак, Аркардай көзүң жоодурап. Атасы жакшы келиндин, Ачылса койну гүл бурап.
Аксайда элим жайласын, Агала кулун байласын.
Азабыңды көп тарттым, Ардагым кызчак кайдасың?
Көк сайда элим жайласын, Көк ала кулун байласын. Күйүтүңдү көп тарттым,
Көркөмдүү кызчак кайдасың?
Акындын «Сайрап өткөн Сандыгач»
(1995) деген ырлар жыйнагынан алынды. Баш сөзүн жазган жана даярдаган:
Мамбеттурду МАМБЕТАКУН
[1] Бул ыр Бечелдин өз обону менен чыгарган, эл арасына өтө кеңири тараган ырларынын бири.
МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ
АТАБЫЗДЫН ЖОМОГУ – «МАНАС»
Атаңыздын жомогун айтпай койсок болобу? …
(«Манастан») «Манас» эпосунун аныктамасы
Кыргыздар «Манасты» «жомок» деп атап, ушул аталардын жомогун кылымдардан бери улам кийинки урпактын оозуна өткөрүп, дилине кыт кылып куюп келген. Кыргыз тилинде «жомок» деген сөз окуялуу баян, окуя деген мааниде болуп, «бир нерсени жомоктотуп айтты, жомоктотуп сүйлөдү, жомок болуп калды» дегенге окшош сөз айкаштарында «жомок» белгилүү окуяны майдалай баяндап бергенге тете. Ошондуктан, ата-бабанын баянын айтып келген «Манас» жомок деп айтылып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн (адабиятынын) жөрөлгөлүү термини катары урунулуп келген. Ал эми жомоктун кара сөз түрүндө баяндалуучу түрүн «жөө жомоктор» деген термин менен түргө бөлгөн. «Манас» эпосу уйкаштуу, ыргактуу, обондуу, жорго айтылгандыктан, аны тиги «жөө жомоктон» айырмалуу көргөн. Азыр да эл ичинде ыр менен оюн-шоок болгондо: «Жөө келбей аттуу кел» – деп коёт. Айтмак, кыргыз көркөм өнөр тарыхында жөрөлгөлүү адабияттык терминдин көч башы катары «жомок» сөзү эсептелет. Ал эми «Манас» жомогу кийинки дүйнөлүк адабият секисинен көрүнгөндө, «эпос» деген термин менен аталып, дүйнө эпосторунун тизмегинде «Манас» эпосу айтылып кетти. «Эпос» деген сөз грекче сөз болуп, «баян, сөз, жомок» деген маанини берет экен да, ага кыргыздын тарыхта колдонулуп келе жаткан «жомок» адабияттык термини калыпка куйгандай дал келет. Ошого дүйнөлүк салт боюнча «Манастаануу» илиминде «Манас» эпосу деп атоо дүйнөлүк терминге туура келет.
Айтмак, «Манас» дастаны деп атоо дүйнөлүк калыпташкан «эпос» дегендин ордун көрсөтө албайт. Ошого азыр «Манас» эпосу деген терминге төптөшкөнү, ушул термин менен «Манастаануу» илиминин капкасы ачылганы жөн.
«Манас» эпосу кыргыз өнөгөлүү адабиятынын ичинде, башка көлөмү чакан эпостордон айырмалуу болгондуктан, (мисалы, «Эр Төштүк», «Курманбек» ж.б.) көлөмүнө карай «улуу эпос» деп аталып, калгандары «кенже эпостор» деген топко бөлүнүп изилденип келет.
Ханзу тилинде «Манас» эпосу деп таанылса, башка кенже эпостор деп алынып, ал эми чагын поэма, дастандар сөз менен алынып келет.
Кыргыздын улуу эпосу «Манас» жана кенже эпостору (азырга чейин кырктан ашуун) баяндаган маанисине карай, аңыздык эпостор, баатырдык эпостор, турмуштук эпостор деп үч топко бөлүнөт. «Манас» эпосу баатырдык эпоско кирет. «Манас» таануу илиминде бул эпоско дүйнөлүк илимпоздор мындай аныктамаларды берген:
«Манас « суу какшыганда туз чогулган сыңары, темирдин чамындысы магнитке тартылган сыңары өз алдынча уламыш менен жомоктор, тарыхый эскерүүлөр, ырлар жана аңгемелер жалпы көрүнүштүн бөлүкчөлөрү катары кабыл алынып, канчалык майда бөлүктөрдөн турса да, элдин мүлдө ой-тилегин, улут-рухунун урагыс биримдигин түзүп турат» (Василий Радлов, 1862-жылы, Текес).
«Манас» – Манас баатырдын тегерегинде чогултулган кыргыз мифтеринин-аңыздарынын, жомокторунун жана уламыштарынын энциклопедиялык (билим китеби) жыйындысы. Муну ээн талаанын «Илиадасы» десе болот (Чокан Валиханов, 1858-ж., Ысык-Көл).
«Орто Азия элдеринин эпосторунун ичинен кыргыздын эпосу «Манас», мүмкүн, элдин күчүн, анын эркин башкалардан бөтөнчө ачып берет. Башка эпостордон ал көлөмдүү гана болбостон («Шахнамэден» алты эсе, «Илиададан» кырк сегиз эсе чоң) баарыдан мурда өзүнүн элдик руху менен жогору турат».
«Манас» эпосу элдик көркөм чыгармачылыктын туу чокусу, эстелиги гана болуп калбастан, ошондой эле байыркы башаты 820–847-жылдарды камтыган, кыргыз урууларынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн баяндаган кайталангыс тарыхый повести да болуп эсептелет» (Александр Бернштам, 1942-ж., Москва).
«Манас» трилогиясындай (үч бөлүмүндөй) поэтикалык эстелик башка бир дагы элде жок. Ал ошонусу менен ого бетер баалуу, кыргыз элинин дүйнөлүк маданият кенчине кошкон баа жеткис салымы (Саул Абрамзон, 1952-ж., Москва).
«Манас» эпосу – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. «Манас» «Манас» болгондон берки эпостон тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагынбай өз дилине сыйгызып тургандай көрүнөт» (Чыңгыз Айтматов, 1978-ж., Талас).
«Манас» – кыргыз улутунун амалий турмушунда ынтымактыкты чыңалтып, кайратка шык берип, улуттун оорагын көтөрүп, тура турган кайнар булагы «Манас» кыргыздардын чыдамкайлык, эч качан басынбоочулук улуттук рухун көрсөткөн. Кадыресе ал кыргыздардын аябай ак көңүл, баатыр улуттук мүнөзүн көрсөтүп берген» (Лаң Йиң, 1995-ж., Бейжин).
Айтмак, «Манас» эпосуна берилген аныктамалары аябай көп, бирөөлөр анын океандай көлөмүнө таң калса, дагы бирөөлөр ал камтыган мазмундун кенчтерине карай тамшануу менен аныктама берет. Корутуп айтканда, «Манас» эпосу кыргыздардын күчтүү баатырлыкты даңазалоосу, эрктүүлүктү, басынбоочулукту эңсеген, аны Манас баатырдын образы аркылуу баяндаган баатырлык чыгарма.
Чын эле «Манас» эпосунун өзүндө ушул жомокко «жарымы төгүн, жарымы чын» деген аныктаманы айтып кеткенинин өзү эле чоң жоомарттык, акылмандык сөз болгон. Мындагы, «жарымы төгүндүгү» жалган, калп, жок нерсе деп түшүнүүгө болбойт. Ал ушул эпостогу кыргыздардын көркөм түшүнүгү – аңыздык тектерди «Манаска» жыйнаганы эле. Алып айтсак, эпостогу аңыздык кейипкерлер (дөөлөр, сыйкырчылар, үр-перилер ж.б.), аңыздык окуялар (көктө учуу, кайып болуу, сыйкырчылык согуш) сыяктуу адабияттык көркөм берүүлөрдү эпосто «төгүн» деген термин менен берген. Ал эми «жарымы чын» деген да чын эле тарыхты тизмелеп айткан эмес. «Жанында турган киши жок, жалганы менен иши жок» «Манас» болуп, тарыхтагы кыргыздын бүткүл эле турмуш чындыгын баяндаган жерлерин көрсөтөт. Алып айтсак, эпосто баяндалган кыргыздын салт-санаасы, маданияты (мисалы үчүн, кыргыздардын каруу-жаракты, жасап урунганы); кыргыздардын дүйнөнү таануу, жашоону таануу, адамдык наркты таануу жагындагы ойчулдук, акылмандык жактары (мисалы Бакай, Балта, Каныкей, Алмамбет ж.б. акылмандардын тобу баяндалат) эпосто чындык экенине бардык адамдар ынанат. Ошого кылымдардан бери «Манас» жомогунун «жарымы төгүн, жарымы чын» деген аныктамасы бурчалбай, эл көөнүнө жагып – бул жомокту уккан ар бир адам өзүн ушул жомокто айтылган окуяларга күбө болгондой, ушул кейипкерлердин бирөөндөй сезилип келет. Бул эпостун чындыгы деп түшүнүп келинген.
«Манас» эпосунун тарыхый арткы көрүнүшү
«Манас» эпосун эл жараткан, эл өзүнүн басып өткөн тарыхый жолдору, аталарынын жомоктору менен жараткан. Албетте, «Манас» эпосунда кыргыздардын жалпы эле тарыхында болуп өткөн окуяларын көрөбүз. Мында айта турган бир нерсе, «Манас» кыргыз тарыхында, кандайдыр бир же эки доордун гана чагылдырылышы эмес, анда ар бир доор окшобогон калыпта (бирээри көп, кайсы бири аз) чагылдырылган. Албетте, алыскысы улам аз, кийинки окуялар басым баяндалган деп айтсак, эпостун баянына төп келет.
Кыргыздардын тарыхы ханзу жазмаларында арбын жазылып калган. Кадыресе, тээ эртеден, биздин санактан мурдагы 200 жыл алдында тунгуч ирет ханзу тарыхынын ата башы тарыхчысы Сыма Чандын «Тарыхый эстеликтер» деген китебинде «Кыргыз мамлекети» деген баян айтылган. Ошондон баштап карасак, эпосто айтылган Манас жана анын ата-бабаларынын бийлик курган (Манастын кан көтөрүлгөнү) окуясы бул Сыма Чандын баянына төп келет. Мындан бөлөк, «Манас» эпосунда ай тылган «Алмамбет жомогу» баягы эле тарыхта жазылган Ноён Сангун Ли Лиңдин кыргыз жергесине барып, ошол жерге жерденип, элденип калганы тарыхта жазылган баянды көркөм чагылдырып тургансыйт. Эпосто Алмамбет жана анын уулу Күлчоронун кыргызга өткөргөн кызматы ошондой эле санактан мурда кыргыз жергесине барган Ли Лиңдин тарыхта жазылган баянынын көркөм берилиши деп айткыбыз келет. Кыргыз тарыхында биримдүү бийлик куруу, өз мамлекетин, элин коргоо тарыхый чындык эпосто көркөм чагылдырылган. Кыргыздар баатырдыкты, эрдикти аябай даңазалаган. Ошого кыргыздардын баш кишисинин мансабы «Эр» деп аталган да («Жаңы таңнааманы» караңыз) «Эр Манас» деп айткан. Мында «хан, хакан, каган» деген мансап аталуудан мурда «эр» колдонулган.
«Манас» эпосунда кыргыз тарыхынын урунчуктуу окуялары арка көрүнүшүндө турат деп айтууга болот. Ал окуялар тээ биздин санактан мурдагы кыргыздар менен хондордун кагылышы (Сыма Чан тарыхында «Хондор кыргызды багындырды» деген баян бар). Андан Ли Лиң Сангундун кыргызга барышы (Алмамбет сыяктуу); андан соң кыргыздар байыркы телелер уруу бирикмесинде, канкылар уруу бирикмеси сыяктуу уруулар менен болгон биргелештик жана кагылыштар «Манас» эпосунда Манастын ички жети кан, сырткы жети кан уруу бирикмесинин көрүнүшүн элестеткен.
Кыргыздардын уйгурлар менен болгон кагылышы, 840-жылы алардын Ханбалык ордосун талкалап, бүткүл Түндүк жакка өз бийлигин орноткону ханзу тарых жазмаларында өтө айкын жазылып калган. 843-жылы Чаңан ордого Жав Фан: «Кыргыздар Бешбалык калаасын чаап алды» – деп кабарлаган («Жаңы таңнаама», «Уйгурлар баянына» караңыз) ошол кезде бүгүнкү Жымсар «Бейтиң» (Бешбалык – Түндүк ордо) аталса, Кыргызстандагы Суйаб калаасы «Нантиң» (Түштүк ордо) аталган. Демек, кыргыз тарыхында 840-жылдан 940-жылга чейин улуу окуялар болуп, күчтүү мамлекет куруп, барча элдерди башынан бийлегенин, Таң ордосу менен элчилик жиберип, кат алышып байланыш жасаганын жайсаң Ли Диунун «Таң падышасынын кыргыз хаканына жазган каттары» деген баянында анык көрүнүп турат. Кыргыз бийлиги Х кылымдын соңунда Кидан (кытай) бийлигинин күчөшү менен алсыздап, кыргыздар «Манас» эпосунда айтылган «Бирөө кетти Эренге, бирөө кетти Тереңге» болуп тозуган. Мында кыргыздарды кидандардын «Жолой» аттуу бийлөөчүлөрү (Жолой Абожи, Жолой Тайчы сыяктуу) 930-жылы Энесай өрөөнүн чаап алган, андан соң 1124-жылы Жолой Тайчы Кыргызстандын Баласагын калаасын «Күчтүү ордо» деп атап, ал жерге Каракидандар мамлекетин «Батыш Ляо» деген ат менен курган. Ошентип кидандар (Жолойлор) кыргыздарды 200 жыл чамасы (931-жылдан 1130-жылдар) басынтып алган. «Манас» эпосунда айтылган «Кытай» мына ошол байыркы кидандарды көрсөтөт да, алардын баш кишилери (Йелүй) кыргыз тилинде «Жолой» болуп айтылып, эпосто баяндалган. Эпостогу баатырлык көрүнүштөрдүн көбү мына ушул доорду арткы көрүнүш кылып чагылдырган. Арийне, «Манас» эпосунда «Чоң казат» окуясы мына ушул доорду элестетет. Ал тургай эпосто айтылган «Бейжин, Бээжин» ушул доордо «Шаңжин» («Түп Бейжин») деп аталган азыркы ички Моңгулдагы «Лин Хуаң» байыркы калаасы болгондугу далилденип жатат. Бул калаанын байыркы кебетеси, айланасы эпостун «Чоң казат» бөлүгүндө сүрөттөлгөн баян жана «Чоң казат» жүрүшүндө басып өткөн жуграпиялык жолдор кереметтей окшойт. Кыргыздар тарыхындагы урунчуктуу тарыхый окуянын бирөө «Чыңгызхандын жортуулу» болгон. Ал кыргыздарды 1207-жылы багынтууга жетишкен. Кыргыздардын бул багынуусу өз алдынча бийлик курулмасынан айрылып калуусуна алып барган чоң окуя болгон. Моңгулдардын, кийин калмактардын көз карандысында жүргөн кыргыздардын «Манас» эпосунда моңгул, калмактар менен болгон чабышы абдан таасын чагылдырылган. Ошондон баштап, XVII кылымга чейин болгон 4–5 жүз жылдык мезгилдеги кыргыз турмушу «Манас» жомогу болуп, адабий секиге көтөрүлүп айтылып калган. «Манас» эпосунда айтылган Эсенкан, Алооке, Коңур бай (моңгулдардын «Жаңгыр» эпосунда эң чоң баатыр), Жолой сыяктуу адамдардын ысымдары тарыхта өткөн адамдар болуп, жазма тарыхтарда кенен учурайт. Бейжин, Каңкай, Энесай, Алтай, Оркон, Ыбырсыбыр, Талас ж.б. сыяктуу жер аттары жазма тарыхтарда жазылып калган. Мындан бөлөк: «Салам айтты хоома деп», «Дудуу, доотай, чыйтай, жаңжуң, жыңзы таш» сыяктуу тарыхта айтылып калган сөздөр башка тилдерден ошол өз маалында кабылданганы боюнча «Манас» тилинде айтылып келе берген. Булардын бардыгы «Манас» эпосунун тарыхый арткы көрүнүшү болуп берет.
Ал эми ушул доорлор кыргыздардын уруу бирикмесин негиз кылган хакандык түзүлмөсү, ар кайсы уруу өз алдынча топтор боюнча куралган коомдук түзүлүштө болгон. Кыргыздар тарыхында атайын кыл жоокер урунуп келгенин тарыхый жазмаларда баяндаган. Жоокер башы «таркан», «сангун», «кол башы» деп аталган. Жалпысынан алганда, кыргыздар феодалдык коомдо жүргөн мезгил болгон. «Манас» эпосунда кыргыздардын ошол коомдук түзүлүшү баяндалып, бийлик башында: «Эр, алп, кан, акылмандар» турган. Жоокер башчылары «чоро» болгон да, ар бир чоро өз алдынча кол, черүү баштоого укуктуу болгон. Анын үстүнө ар кайсы уруулар өз алдынча «кан» аталып (ички жети кан, сырткы жети кан), аларда өз алдынча кол алып жүргөнү баяндалат. Атап айтканда, эпосто жалпы бийлик «кан» Манаста болсо, андан кийинкиси «акылман, кеменгер, көсөм, уруу аксакалы» катары Бакайда болгон. Согуш иштери кан майданда жекемежекеге ким чыгуу маселеси Бакайдан суралып бүткөн. Андан бөлөк акылмандар, кеменгерлер деген мансапта дагы Акбалта, Кошой, Каныкей, Алмамбет сыяктуулар, мындан кийинки укук чоролордо болгон. Андан бөлөк «он башы, жүзбашы, миңбашы, илекбашы» деген жоокердик майда мансаптар да болгонун эпостон көрүүгө болот. Эпосто айтылган мындай саясий түзүлүштө кыргыздын ар кайсы доорлордогу саясий бийлик түзүлмөсү сүрөттөлөт.
«Манас» эпосунун негизги окуялары
«Манас» эпосу камтыган окуяларынан молдугу менен көлөм жагынан абдан кеңири өнүккөн, бирден окуя ушул эпос деп аталган деңиздин бир айрык суу куймасы катары эпостун мазмунун толуктаган. «Манастын» окуялары адабияттык термин боюнча «сюжет» деп да аталат. Жалпы жонунан айтканда, «Манастын» окуялары үч чоң топ боюнча баяндалат.
Биринчи, уруш окуялары. «Манас» эпосу баатырдык жомок болгондуктан, албетте, окуялардын көбү согуш, салгылашуу болгон. Согуш окуялары эпосто согуштун чыгуу мүнөзүнө карай: өз жерин, Мекенин басып жаткан жоону сүрүп чыгаруу согуштары (мисалы, Алоокени кууп чыгуу); элди чаап келген, басынтып каптап келген жоону майтарып, эли-жерин коргоо согушу (Коңурбай, Жолойлор менен болгон согуш); уруу көмөктөштүгүндөгү (сырткы жети кандын) эли-жерин жоо басып келгенде көмөккө барган согуш (Манастын Карманапка көмөгү); тынчты алган жоону түбүнөн тынчытуу үчүн жортуулга аттануу согушу («Чоң казат»); ички уруулардын кагылышындагы согуштар, (ички жети кандын) Манас урпагынын ички кагылыштары (мисалы, «Семетей» бөлүмүндө негизинен ички согуш болуп, эл ириткилери эл-журтту кактаган өктөмдөр (Абыке, Көбөш, Кыяз, Толтой) менен болгон (Семетей, Күлчоро, Сейтек) согуштары сыяктуу согуш окуялары баяндалган. Бирок мында, атайын айтып коё турган бир нерсе, «Манас» эпосу жалаң гана согуш окуяларын баяндаган «уруш жыйнагы» эмес.
Экинчи, турмуш окуялары. «Манас» кыргыздардын энциклопедиясы (билим китеби) деп айтылган сөздүн нугу мына ушул турмуш окуяларын көздөп айтылгандыгында. Турмуш дегенде бүткүл эле бир улуттун жашоо маданиятын түшүнүү абзел. «Манас» эпосунда кыргыз турмушунун «жакшылык турмушу» менен «жамандык турмушу» бүт баяндалган. «Жакшылык турмушта» бүт эле элдин маданиятындагы жетишкендиктерин: турак жай маданияты (сыр коргон ордо маданияты); жемек-ичмеги; кийим-кечеги; той-төркүнү (Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Семетей, Айчүрөк жана Сейтек сыяктуулар дын улуу махабаты сыяктуулар); майрам-сайрандары; «кан көтөрүү» салтанаты; өмүрлүк достошуу (Манас менен Алмамбет ж.б.) салтанаты; жеңиш тою сыяктуулар, андан бөлөк өнөр жайы, кол өнөрчүлүгү, каруу-жарак жасоо өнөрү; мал күтүнүү, уучулук өндүрүшү сыяктуу турмуш окуялары арбын. «Жамандык турмуш» да «Манас» эпосунда аябай жогору белеске көтөрүлгөн окуялар менен берилген. Эл мүңкүрөп, тозуп, басынып турган оор күндөр «жамандык турмуш» окуяларынын чоң желесин тартып турат да, бүткүл эле эпостун окуяларынын өзөгүн эл башына түшкөн оор күн окуялары түзүп тургансыйт. «Жамандык турмуш» окуяларынын курамы элдин оор күнү, баатырлардын, эл башчыларынын өлүмү сыяктуу эки чоң танап менен тартылган. Манастын төрөлүү доорундагы кыргыздардын көргөн күнү тукум-курут болуп кетүү алдында турган, бүт бойкат аялдардын курсагы жарылып, ымыркайлар кабакка ыргытылып, элдин каш кайтарар чамасы жок, тозуп, эптеп жан сактап турган окуясы баяндалат. Андан бөлөк Семетейдин төрөлүшүндө, анын балалык чагындагы «жамандык турмуш» окуялары өзөктү өрттөгөн түрдө берилген. Ал тургай «Сейтек» бөлүмүндөгү Кыяздын элге салган кордугу «жамандык турмуш» окуяларынын үлгүсү катары көрүнөт.
«Манас» эпосунда «жамандык турмуш» өлүм окуялары менен да берилген. Бүткүл эле «Манас» эпосу баатырлардын өлүм-казасы менен трагедиялуу (күйүттүү) аяктап, элдин ичинен чыйралуусу, баатырлардын ар-намысты өлүмдөн жогору баалаган түшүнүгүн көрсөтүп бере алган. Манас баштаган баатырлардын «Чоң казаттагы» өлүмүн баяндаган окуяны уккан адамдын бардыгы өзөктү өрттөгөн күйүттү тартарында шек жок. Жакыптын Семетейдин колунан мертиниши, Семетейдин Канчородон (өзү баккан чоросунан) мертиниши кыргыз философиясында (ойчулугунда) өтө терең түшүнүктү көрсөтө алган.
Корутуп айтканда, эпостун окуяларында элдин оор күнүн, баатырлардын өлүмүн баяндаган окуялар бүткүл эпосту курап, эпос ушул окуялардан улам жаралгандай (Ырчы уул Манас баштаган баатырлардын өлүмүнөн кийин «Манасты» бирөө илгертен бери айтылып бышкан, эпостун жалпы жомоктук баянынын жээктиги болуп тартылып келген окуялар. Андай окуялар «салттык окуялар, жөрөлгөлүү окуялар, же турактуу окуялар» деп аталган. Мындай окуяларды бардык эле манасчылар айтпай өтө алган эмес. Андан бөлөк дагы «демеп» айтылган окуялар болгон. Аны ар кайсы манасчы өз жөндөмүнө карай кошуп айткан окуялар эсептелет.
«Манас» эпосунда жөрөлгөлүү окуялар мына булар:
- «Манас» бөлүмүндө:
- Манастын төрөлүшү жана балалык чагы; 2. Кырк чоронун куралышы жана алгачкы эрдиктер; 3. Манастын кан шайланышы; 4. Мекенди жоодон бошотуу; 5.Кыргыздын Ала-Тоого көчүшү; 6. Алмамбеттин жомогу; 7.Манастын Каныкейге үйлөнүшү; 8. Көзкамандар окуясы; 9.Көкөтөйдүн ашы; 10. Чоң казат; 11. Манастын өлүмү.
- «Семетей» бөлүмүндө:
- Семетейдин балалык кези (таятасындагы кездер); 2. Семетейдин элине келиши; 3. Семетейдин ички ириткилерди тындым кылганы; 4. Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү; 5. Канчоронун чыккынчылыгы; 6. Семетейдин өлүмү.
III. «Сейтек» бөлүмүндө:
- Сейтектин төрөлүшү; 2. Сейтектин түбү-жайын билиши; 3. Сейтектин Кыяз менен согушу; 4. Күлчоронун айыгышы; 5. Сейтектин баатырдык согуштары; 6.Сейтектин үйлөнүшү; 7. Сейтектин үр-перилерге көмөккө барганы жана дөөлөр менен согушу; 8. Сейтектин Таласка келип хан болушу.
- «Кененим» бөлүмүндө:
- Кененимдин төрөлүшү жана кан майданга аттанышы; 2. Кененимдин төрт баатырды куткарышы; 3.Жүйрүн дөөнүн жомогу; 4. Кененимдин Чыныкени алышы; 5.Семетей баштаган баатырлардын кайып болушу; 6.Кененимдин кереметтүү согуштары.
- «Сейит» бөлүмүндө:
1.Эр Сейиттин Карадөөнү союшу; 2. Көк күмбөз жомогу; 3. Сейиттин Желмогуз менен согушу; 4. Сейиттин дөөлөр менен согушу; 5. Сейиттин өлүмү.
- «Асылбача-Бекбача» бөлүмүндө:
- Асылбача-Бекбачанын бешик тою; 2. Асылбачанын алгачкы эрдиктери; 3.Асылбачанын хан болушу, кыргыздардын жыргалы; 4. Асылбача менен Кызылкыздын жомогу; 5. Асылбачанын өлүмү; 6. Бекбачанын Лопнурга аттанышы; 7. Тогуз кандын чабуулу; 8. Бекбачанын Көйкаптагы жомогу; 9.Бекбачанын Манас баштаган кырк төрт залга берген чоң ашы; 10. Бекбачанын өлүмү.
VII. «Сомбилек» бөлүмүндө:
- Сомбилектин маңгыттар менен согушу; 2. Сомбилектин Шүкүрлүү тоосуна барышы; 3. Сомбилек менен Тынымкандын тою; 4. Сомбилектин жараланышы жана өлүмү.
VIII. «Чигитей» бөлүмүндө:
- Чигитейдин жоого аттанышы; 2. Чигитейге келген кырсыктар; 3.Чапкынчылардын кол курашы; 4. Чигитейдин өлүмү.
«Манас» эпосунун көлөмү
«Манас» эпосунун көлөмүн жөрөлгөлүү эсептөө ыкмасында ким канча айлап, канча түндөп айтканына, толук айтканына карап эсептеп келген. Көлөмүн билүү максатында «Манас» айттырууда алдын-ала камылга иштетилип, обочо жерге үй тиктирип, бир канча бодо-жандык союшка белендеп, калыстарды, эл аксакалдарын чогултуп олтуруп, айлап «Манас» айттырганда, ошондо ким «Манасты» көп айтарын, көлөмүн белгилешип, көлөмдүү айткандарды «чоң жомокчу, чоң манасчы» деп аташкан. Ким канча ай, же нече түн бою айта алганы менен эпостун көлөмүн белгилешкен. «Манас» эпосу кагаз бетине түшүрүлгөндөн кийин анан аны канча сап айтты деген өлчөм менен айта турган термин жаралган.
«Манас» эпосунун көлөмү аябай чоң, мазмуну мол экенине дүйнөлүк илимпоздор XIX кылымдан баштап көңүл буруп, башка дүйнөлүк эпостор менен көлөмүн салыштырып, бой теңештире баштаган. 1856-жылы кыргыз жергесине келип «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгү менен гана таанышкан Чокан Валиханов «Манас» эпосунун көлөмүнө кайрылып: «Кыргыздар «Манасты» үч түн бою укса да айтып түгөтө алгыс, «Семетейге» да ошончо убакыт жетишсиз деп айтышат…» деген.
«Манас» эпосунун жаралуу доору жөнүндө таамай изилдеген А.Бернштам: «Шахнаме» көлөмү жагынан «Илиададан» сегиз эсе көптүк кылса, «Манас» бир эле вариантында «Шахнамэден» беш эсеге арбын, демек, «Илиададан» кырк эсе көп дейт. Ушул күндөгү маалыматтарга кулак төшөп көрсөк, Саякбай Каралаевдин айтымында кагаз бетине түшкөн «Манас» эпосунун бардык көлөмү 4 00 554 сап (караңыз, А.Жайнакова жазган «Манас» Баш сөз», 2-бетинде. 1995-ж., Бишкек), Сагынбайдан бир гана «Манас» бөлүмү 180 378 сап (башка бөлүмдөрү жазып алынбаган), Жусуп Мамайдан 300 000 сап кагаз бетине түшкөн. Бул үч манасчы «Манасты» эң көлөмдүү айткандар катарында саналат. Ал эми ушул күнгө чейин «Манас» эпосунун түрдүү варианттарынын кагаз бетине түшүү көлөмүн миллион сапка жеткирип маалымдаган басма сөздөр бар. Жуңгодо 1950-жылдардан баштап төрт жолу «Манас» чогултуу жумушу колго алынып, бардыгы 600 000 сап «Манас» материалынын жазылгандыгын кабарлап келет (караңыз: Ху Чжен Хуа «Манас» изилдөөсү». Май басма журналы, 1-сан. 1979-ж., 10-ай.).
«Манас» эпосунун көлөмдүүлүгүн, аны жазып алуусуна кеткен убакыт менен да бир ырастап көрсөтүүгө болот, алып айтсак, залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунан «Манастын» биринчи бөлүгүн 1922-жылы кагаз бетине түшүрүүнү баштап, нечен айлап, жылдап жазып, 1926-жылы төрт-беш жылда зорго жазып алуу иши байыган (албетте, аралыкта үзүлүп турса да). Ал эми залкар манасчы Саякбай Каралаевдин «Манас» эпосун жазып алуу иши 1931-жылы башталып, алды-кийин болуп, 1947жылы байыган. Саякбайдан айттырып жазып алуу ишине 16 жыл кеткен. Ал эми залкар манасчы Жусуп Мамайдан «Манас» эпосун жазып алуу жумушу биринчи жолу 1961-жылы башталып, 1964-жылга чейин алты бөлүктө төрт жылда жазып алынган. Экинчи жолу 1979-жылдан 1982-жылга чейин дагы эки бөлүктү толуктап жазууга үч жыл кеткен. 1982-жылдан 1985-жылга чейин башкалар жагынан кагаз бетине түшкөн өз айтымын (вариантын) өзү баштан аякка көрүп, толуктап, өз колу менен кайра кагаз бетине түшүрүп, (кээ бир бөлүмүн) дагы үч жыл сарптаган. Ошентип, Жусуп Мамайдын «Манасы» кагаз бетине түшүрүлгөн убакыт 10 жыл болгон (аралыкта үзүлгөн убакыт эсептелбегенде).
Жогоруда айтылган манасчылардан «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүлгөн убактарын өзү эле эпостун көлөмүнүн деңиздей чалкып жаткандыгын, аябай мол экенин көрсөтүп бере алат. Алар күндөп, айлап эмес, он жылдап айткан. Ал эми «Манас» эпосунун ар кайсы бөлүмдөрүнүн көлөмдөрүн ар кайсы чоң манасчылар боюнча көрүп багалы.
«Манас» бөлүмү:
1.Сагынбай айтымында 180 378 сап; 2.Саякбай Каралаевдин айтымында 84513 сап; 3. Мамбет Чокморовдун айтымында 103090 сап; 4. Жусуп Мамайдын айтымында 53280 сап.
«Семетей» бөлүмү:
1.Саякбай Каралаевдин айтымында 316157 сап; 2.Мамбет Чокморовдун айтымында 71609 сап; 3. Ш. Ырысмендеевдин айтымында 42338 сап; 4. Б. Сазановдун айтымында 67704 сап; 5. Жусуп Мамайдын айтымында 35246 сап; 6. Ыбырай Абдырахмановдун айтымында 23584 сап; 7.Эшмат Мамбетжусуптун айтымында 12152 сап.
«Сейтек» бөлүмү:
1.Саякбай Каралаевдин айтымында 84697 сап; 2. Жакшылык Сарык уулунун айтымында 27000 сап; 3. Мамбет Чокморовдун айтымында 23340 сап; 4. Жусуп Мамайдын айтымында 22590 сап; 5. Шапак Ырысмендеевдин айтымында 14718 сап.
«Кененим» бөлүмү:
- Саякбай Каралаевдин айтымында «Кенен, Алымсарык, Кулансарык» деген ат менен чогуу жазылып алынганы 15186 сап; 2. Жусуп Мамайдын айтымында 32922 сап.
«Сейит» бөлүмү:
- Жусуп Мамайдын айтымында 24000 сап.
«Асылбача-Бекбача» бөлүмү:
- Жусуп Мамайдын айтымында 36780 сап.
«Сомбилек» бөлүмү:
- Жусуп Мамайдын айтымында 14868 сап.
«Чигитей» бөлүмү:
- Жусуп Мамайдын айтымында 12325 сап.
«Манас» эпосунун ар кайсы бөлүктөрүнүн көлөмүн тек колго тийген материалдар боюнча гана айтууга чектелип турганы билинип турат. Мында айта турган нерсе, «Манас» эпосунун көлөмү ушунчалык деп айткандан көрө бизде азыр баары ушулар деген жөн. Себеби биз жогоруда атаган манасчылардын устаттары, «Манас» эпосу кагаз бетине түшө электе көзү өтүп кеткендер: Назар, Чоюке, Тыныбек, Келдибек, Акылбек, Жусубакун, Темир, Эшмат деген чоң жомокчулар болгон экен. Алар «Манас» эпосун канчалык көлөмдө айта турганына кагаз бетинде далил көрсөтө албайбыз. Ал тургай Сагынбай Орозбактан бир гана бөлүм кагаз бетине түшкөн, Эшмат Маметжусуптун «Семетей» бөлүмү гана кагаз бетине (толук эмес) түшкөн. Мында айта турган нерсе, «Манас» эпосунун көлөмү тек колдо бар материалдардан гана көрсөтүлдү. Бул эпостун толук көлөмүн көрсөтүп кете албайт десек болот. Соңунда салыштырмалуу түрдө дүйнөгө даңазалуу эпостор – гректердин «Илиадасы» 15693 сап, «Одиссея» 12110 сап экенин гана көрсөтсөк, көлөм салыштырмасы көрүнөт. «Манас» эпосунун көркөмдүгү
«Манас» жомогу – кыргыздардын көркөм чыгармачылыгынын туу чокусу деген аныктама «Манастын» «ичеги-боорунан» чыккан. Бул эпостогу баян элдин тууштуулугун, баатырдыгын даңазалаганы менен, анын ичинде кыргыздын көркөм ою, көркөм элестетүүсү ошол баянын көкөлөтүп жеткирген. Бул эпостун көркөмдүгүн төмөнкү жактардан көрүүгө болот:
- Эпосто көркөм образдар жаралган. Эпосто жаралган образдардын эң түптүүсү баатырлык образ болуп, ал Манас жана анын кийинки урпактарынын эрдиктеринен көрүнгөн, кыргыздын баатырлары «намыс» үчүн жаралып, намыс үчүн өлө турган кыргыз философиясы менен образ жаралган. «Жан кетсе кетсин, намыс кетпесин» деген акылман сөз кыргыздардын баатырларын белендеген. Кыргыздар тарыхында баатырлыкты даража, мансаптан жогору коюп, эл ичинен ким «баатыр, эр, алп, дөө, эрен, берен, ноён, таркан» болсо, ошол эл башкарган, элге ээ болгон. «Манас» элден мурда «Эр Манас» деп аталган, «эр» деген сөз жөн эле «эркек» деген сөз эмес, ал өзүнчө мансап болгон, кийин анан башка элдер катары «кан, каган» деген аталмаларды кабыл алган.
Баатырлык образдын эң башкысы Манас болуп, анын төрөлүшү бөтөнчө, өсүп-жетилүүсү өтө ылдам (тогуз жашынан баштап эр сайышка жарайт), денеси олбурлуу, жеген тамак-ашы, суусундугу жөн адамдардан нечен эсе артык болгон (бир тайдын этин, нечен чанач кымызды бир маалкы оокатына жумшаган), уйкусу бөтөнчө (найза менен жамбашка сайса чымын чаккандай тоготпойт), Манас акырганда чээнде жаткан аюунун өтү айрылат. Булар Манастын тышкы көрүнүшү, кыргыздар тозуп-басынып жатканда мына ушундай бирөө керек болгон, аны эл өзү тапты. Баатырлык образдын эң бийик жери баатырлардын дөөлөр, алптар менен беттешкен жерлери эле. «Манас» эпосу баатырлардын образына мына ушуларды кошуп бере алган.
Баатырлык образдан: Манас, Чубак, Сыргак, Алмамбет, Балта дөө, Кошой, Шыгай, Көкчө, Семетей, Күлчоро, Сейтек, Куялы, Кененим, Сейит, Асылбача, Бекбача, Сомбилек, Чигитей сыяктуулар болгон. Баатырлыктын терс образынан: Коңурбай, Жолой, Нескара, Алооке, Көңтөй сыяктуулар баатырлыктын типтери болуп эсептелген. Эске алчу нерсе, «Манас» эпосунда жоо жактын баатырлары аябай айлалуу, күчтүү болуу жагы менен Манас баатырдын баатырдыгы ачып берилген. Ал эми оң кейипкерлердин баатырлык образында андагы жетишсиздиктери, энөөлүктөрү, кенебестиктери көрсөтүлүп, баатырлык мүнөз айкын чыгарылган. Баатыр Манастан баштап, элден эң эле бөтөнчө адам катары каралганы менен кээде жөн эле карапайым адамдар катарындагы турмуш-жоруктары кошо берилип (алып айтсак, Манас чоролорунун атын отко коёт, жубайы Каныкейге нече жолу таарынат), инсандык сапаттары көрсөтүлүп, элдин ичинен чыккандыгы анык байкалат. Эпосто мифтик (аңыздык) образдар берилип, дөөлөр, желмогуздар, сыйкырчылар, перилер, кайып болуу сыяктуу көрүнүштөр өтө кылдат берилген. Анын негизи кыргыз жомокторунан алынган.
- «Манас» эпосунда акылмандык образы көркөм берилген. «Манас» эпосу кыргыз акылмандыгынын мөмөсү катары каралат. Мында бүт эле кыргыздардын кыялы, санаасы, тилеги чагылган. Манас баштаган акылмандар тобунун образы жаралган. Манастын акылмандыгы – ал акылмандарды жанына чогулта алгандыгында. Алып айтсак, Балта, Бакай, Кошой, энеси Чыйырды сыяктууларды көсөмдүк акыл катары чогултса, кийин Каныкей, Алмамбет сыяктууларды атайын кабылдап, өзүнө жаңы акылмандыктарды тарткан. Манастын Алмамбетти кабылдашы азыркы замандын сөзү менен айтканда «чоң жаңы техниканы, озот идеяны» кабыл кылган менен барабар маңызга ээ болгон жумуш болгон. Аны менен өз образында акылмандык касиет аша берген. «Семетейде» да Бакай, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу акылмандар тобу бар. Андан кийинки урпактарда, ошонун жолун жолдоп, баатырлык менен бирге акылмандык касиет болгон. Эпостун кайсыл эле баянынан болбосун, «акылман, аяр, амалкөй, кыяр, манттуу, айлалуу, көсөм» сыяктуу образдарды жолуктурууга болот. Андан бөлөк, «сыйкырчы, изчи, төлгөчү» деген сыяктуу мифтик акылмандар образы жаралган. Айтор, «Манас» акылмандарды, акылды даңазалаган эпос болгон.
- «Манас» эпосундагы тил көркөмдүгү жаралган. «Манас» эпосунун тили кыргызга жалпы орток эле болуп калбай, кадыресе кыргыз тилинин көрөңгөсү деп каралат. Анда стилистикалык ыкмалардын өтө чоң үлгүлөрү берилген. Апыртуу, опсуз чоңойтуу менен, эсепсиз кичирейтүүнү чегине жеткирген. Окшотуусу бүт эле кыргыздын табият карашын көрсөтүп турган, кайталоо эпоско берметтей жарашкан болуп да эпостун бирден бир өзгөчөлүгү бышкан, талкууланып турактанган эпостук салттык саптар аябай көп болуп, алар жалпы эле угармандарды мөйүтүп келет. Эпосто өзгөчө мүчө жалгоо адаты сакталган (мисалы, баратыр, жатыры) келе бергени. Эпос бүт эле жорго сөздөр менен уйкаштуу айтылган.
- «Манас» эпосунда элдик адабияттын үлгүлөрү бүт колдонулуп, көркөмдүккө каражат болуп берилген. «Манас» эпосунда кыргыздардын жөө жомоктору, санжырасы, макал-лакабы, аңгемелери, сүйлөшмөлөрү, айтор, бардык үлгүлөрү бар. Булар эпостун көркөмдүгүн белеске көтөрүүгө каражат болгон. Болуп да эпостогу ак тилектер, баталар, каргыштар, анттар эпоско табылгыс элдик материалдардан болуп эсептелет. Айтор, В.В.Радлов айткандай «темирдин чамындысы магнитке жабышкандай» кыргыз эл ооз адабиятынын бардык нарктуу үлгүлөрү «Манас» магнитине» жабышып чыга келген.
- «Манас» эпосунун көркөмдүгү анын обону жана жаңсоо аракети менен ачылган. «Манас» эпосу өзүнө гана таандык обон менен аткарылган. Анын обону баян мазмунуна карай өзгөрүп, ар бир сөздө ар бир обон түртмөктөп, куюлуштуруп чыгарып турат. Обонсуз айтканда, эпос көркөмдүгүнөн көрүнө албас эле. «Манас» эпосунун көркөмдүгүнө жарашкан дагы бир нерсе, аны айтканда жаңсоо, ымдоо, обдулуу сыяктуу аракеттер болгон. Бул чеберлик бүт эле «Манас» эпосунун көркөмдүгүнө тыгыз байланган.
- «Манас» эпосунда күйүт абдан көркөм берилген. «Күйүт» адабий терминде «трагедия» деп аталат. Эпос бүт эле күйүт менен аяктап, эпосто трагедиялуу көрк өмдүк, асем өнөр аябай бийиктен берилген. Баатырлардын өлүмү, элдин башына түшкөн каранкүн, басынуучулук эпосто абдан көркөм айтылат.
«Манас эпосунун варианты
Оозеки айтылып, кулактан кулакка өтүп, кылымдарды карытып келген «Манас» жомогу абдан көп варианттуу болгон. «Вариант» деген термин латынча «өзгөргөн түрү» деген мааниде болуп, кыргыз салттык адабий терминде «айтымы» дегенге төп келип: «Сагынбай Орозбактын айтымы, Жусуп Мамайдын айтымы боюнча» деп колдонулуп жүрөт. «Манас» эпосунун айтымынын (вариантынын) жаралышы анын оозеки таралганында десек, дагы бир жагынан жомокчу, манасчылардын көп болгонунан деп айтсак болот. Эпостун түбү, нугу бир жерден чыкканына карабай, бүткүл эле улут сүйгөн бул жомокту ооздоноозго «алмончок» кылып алып кетип түпкү окуяны көрөңгө кылып, ар бир жомокчунун өзүнүн чыгармачылык жөндөмүнө карай, улам молуктуруп отурган: (ал жалгыз варианттуу «Илиадага» окшобойт), ошого ар бир жомокчунун айтканы бирден айтым (вариант) болуп калыптана берген. «Манас» жомогунун көп варианттуу болушу мунун чыгармачылык жолун көрсөтүп турат. Ал ар бир доордо бир нечелеген варианттуу болуп, түпкү көрөңгөгө жаңы саамалык куюлуп олтурган. Биринчи вариант (айтым) Ырамандын Ырчы уулу болсо, эмки биздин колубузга тийгени Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулунун, Жусуп Мамайдын айтымдары болуп олтурат. Бул нече кылым (миң жыл) ичиндеги «Манас» эпосунун канча варианты болгонун боолголой албайбыз. Бирок жазма маалыматтарда «Манастын» биринчи бөлүмүнүн 34 варианты, башка бөлүмдөрүнүн 80ден ашуун варианты бар (караңыз, Кыргызстан «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 2-том, 48-бетте) делип кетет. Жуңгода 1957-жылдан бери чогултулган «Манас» варианты 70тен ашуун, 600 000 сап болгон.)
«Манас» эпосунун варианты үч түрдүү: бирөө, «Манас» толук көлөмүндө бүт салттык окуяларды камтыган вариант; экинчиси кайсы бир бөлүмүнүн (мисалы, «Семетейдин») бир канча варианты; үчүнчүсү, бир бөлүмдүн ичиндеги белгилүү бир окуянын бир нече варианты (мисалы, «Көкөтөйдүн ашы», «Манастын төрөлүшү» сыяктуу варианттары) болуп кетет. Азыркы кагаз бетине түшкөн жагдайга караганда «Манастын» толук варианттарын Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Шапак Ырысмендеев, Жусуп Мамайлар айткан. Булардыкы «Манас», «Семетей», «Сейтек» боюнча толук варианттарга кирет. Ал эми мында айта турган бир нерсе, залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулу «Манастын» толук вариантын бүт билген. Бирок кагаз бетине түшүрүүгө үлгүрбөгөн. Андан тек «Манас» бөлүмүнүн өтө мол айтылган варианты кагаз бетинде калган.
Дагы өзгөчө белгилей кете турган вариант Жусуп Мамайдын айтымы (варианты) болуп эсептелет. Жусуп Мамай – агасы Балбайдын чогулткан материалына негиз «Манас» эпосун үйрөнгөн. Ар кандай бир манасчы өзүнөн мурдагы «жомокчу, манасчылардан» үйрөнгөн сыңары, Балбай чогулткан, болуп да Жусубакун айткан вариантты Балбай кагаз бетине түшүрүп бергенин Жусуп Мамай үйрөнүп айткан. Жусуп Мамай кырк жашынан баштап эле, «Манас» эпосун эл ичинде айтып жүргөн. 1961-жылы эл оозеки адабиятын чогултуунун мамлекеттик, Шынжаң уйгур аптоном райондук группасы Акчий ооданынан барганда Жусуп Мамай «Манас» эпосун толук айта турганын байкашып, аны Кызылсуу Кыргыз автоном областынын башкы калаасы Артышка чакырып келип, «Манасты» айттырып, атайын жазып алуучу дайындап, кагаз бетине түшүрө баштаган. 1964-жылы дагы бир жолу чакыртып келип (Артыш шаарына) толуктап жазып алган. Жазып алгандар Пазыл, Сакен Өмүр, Үсөнаалы Алымкулдар болгон. Ошондо «Манас» эпосун алты урпакка чейин айткан. Ошондон аралыкта үзгүлтүккө учурап, 1979-жылы Жусуп Мамайды Бейжинге чакыртып барып (Борбордук улуттар институтуна) кайрадан жазып алуу ишин улантып, «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүн (сегиз урпагын) кагаз бетине түшүрө баштаган. 1982-жылдан 1985-жылга чейин үч жыл ичинде Жусуп Мамайга «Манастын» бардык бөлүмдөрүн (1961-жылдан баштап айтылган) кайрадан толуктап, кагаз бетине түшүрүлгөндөрүн соңку салыштырып чыгуу милдети өзүнө жүктөлгөн. Ошол кезде Жусуп Мамай өзүнүн варианты боюнча кагазга түшкөн нусканы өзү кайта баштан карап, кээ бир бөлүктөрүн кайрадан кагаз бетине түшүрүп, байланыштуу орунга «Шинжаң эл оозеки адабияты» коомуна тапшырган. Мында өзгөчө айта турган нерсе, ушул күндө «Жусуп Мамай жазгыч манасчы» деген далилсиз сөз кээ бир басма сөздөрдө (Кыргызстандан) айтылып келет. Жусуп Мамай «Манас» окуяларына негиз жазып чыккан деген түшүнүккө келүүгө болбойт. Жусуп Мамайдын айтымы тээ илгертеден эле келе жаткан «Манас» эпосунун толук үлгүсү болуп, эпостук эрежеге – көркөмдүгү, эпостук салты бүт түшөт. Манастын сегиз урпагы боюнча айтылган бул толук вариантта ар бир бөлүгүндө Манастын руху айтылып, «Манас» эпосу ушул кийинки урпактардын бабаларын даңазалоосу менен толуктанып турат. Алдыңкы үч бөлүмүнөн кийинки бөлүмдөрү бүт дээрлик Манас бабасынын баатырлык ишин улап, Манас күмбөзүн, Манас арбагын ыйык тутунуп, ошол ыйык жерге уюшуп турган улуу рух айтылат. Анда тил көркөмдүгү аябай сонун берилип, каруу-жарактардын аттары, жер-суу, өсүмдүктүн аттары, макал-лакаптар, турактуу бышкан эпостун саптары кезигет. Илгерки бөлүмдөрүндө күдүк боюнча калган нерселер корутунду катары кийинки бөлүмдөрдө айтылат. Алып айтсак, Алмамбеттин окуу жайы, анын сыйкырчылык сырлары, «Кененим» бөлү гүндө айтылат. Жоокердин согуштук өнөрү «жетимиш эки жөө машы, алтымыш эки ат машы» «Асылбача-Бекбачада» сонун баяндалат. Мурдагы Манас бабалары аяк басып бакпаган жерлерге кийинки урпактар барат. «Манас» энциклопедиясына Жусуп Мамай айткан кийинки бөлүктөр да көп билимдерди кошо алат. Кийинки урпактар азыр Жусуп Мамай айтымы менен гана кагаз бетине түшүп отурганы менен айтууга караганда, Саякбай Каралаевде «Кенен, Алымсарык, Кулансарык» деген бөлүктөрүнөн айткан (15 000 сап). Дагы көптөгөн манасчылар «Кенен, Сарык» дегендердин атын атаган. Айтор, Жусубакун манасчынын оозуна жетип, Балбайдын калеми менен кагаз бетине түшүп (Балбай – «Манас» жазып алуучу), Жусуп Мамай айтымы менен элге тараган. «Манас» эпосунун кийинки бөлүктөрүн «жерүү» көз менен эмес, «алынуу» көз менен окугандын зор пайдасы бар. Ал эми Жусуп Мамай вариантынын түрдүү жактарын изилдөө алдыбызга туура тартылып турган жумуш эсептелет.
Айтарлуусу, Жусуп Мамай варианты жаңыдан куралып чыккан эмес, тээ илгерки манасчылардан уланып бизге Жусуп Мамай аркалуу жетип олтурат. Жусуп Мамай «Манасты» өз обону, аракет-нускоосу, салттык айтылышы менен айтып келет. Ал «Манасты» курап, жазып чыккан» эмес, «Манасты» айтып берген. Соңку кезинде өзүнүн толук вариантын (башкалар жазган) кайра карап, кээ бөлүгүн өзү кайра кагаз бетине түшүрүп жазып өткөргөн. Мындай жумуш илгерки манасчылардан Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу), Шапак Ырысменде уулдарында да болгон. Алар да өз варианттарын кагаз бетине түшүрүп тапшырган.
Айтмак, азыр Жусуп Мамайдын варианты (сегиз бөлүм) жалгыз вариант болуп, көзгө «чоочун» көрүнгөнү менен, эгерим «Манас» чогултуу, жазып алуу жумушу эртеде башталган болсо, Жусуп Мамай айткан кийинки бөлүмдөрдүн (төртүнчү бөлүмдөн кийинкилердин) варианттары да кагаз бетине түшүп, бир нече варианты болор эле.
Ал эми вариант жөнүндө айтылган сөздөрүбүздү майнаптасак, «Манас» эпосу көп варианттуу эпос катары, анын бардык варианттары «сары майдай сакталуу» керек. Варианттардын бардыгы өз калыбында басмадан чыкса, «Манас» эпосун изилдөө жайыты ого бетер кеңирип, пайдалануу наркы бийиктей бермек.
«Манас» эпосунун таралышы жана манасчылар
«Манас» эпосу кыргыз улутунун жалпы эле адамына бүт жалпылашкан. Кадыресе, кыргыз рухуна айланган. Кыргыздын жети жашар баласынан баштап, Манас баатырдын түспөлүн, дене курулмасын, ал тургай, канчалык тамак, оокат жей ала турганы, канчалык уктай ала турганына чейин билет. Улам кийинки муундар Манас урпагыбыз деп айтып, Манасты реал өткөн адамга окшош көрөт. Анын андай болушу «Манас» эпосунда баяндалган «жарымы чында» өздөрүнүн жакшылык-жамандык турмушун, салт-санаасын эч кандай өзгөрүүсүз баяндап, элдин дилин көрсөтүп бергенинен. Ал эми «жарымы төгүндө» аңыздык, фантазиялык баяндардан көркөм үзүр алып, эл эпосту (жомокту) жалпы кабыл алгандыктан, кылымдар бою «өчкөн сайын өөрчүп» эл рухуна айланган. «Манас» эпосунун кыргыз элинин ичиндеки баркы-баасы аябай жогору болгон. Ал түгүл Манас күмбөзүнө тооп кылуу, «Манас» эпосунун кагаз бетине түшкөн бөлүгүн илип коюу, анын алдынан ылаңдаган малды чубатып өткөрүп «эм-дом» кылууга чейин жеткен. Эл улуу мелдештерде, чоң намыс талашуу жарышында «манастап» ураан чакырып, «Манас» кыргыздын ураанына айланган. Мындан «Манас» эпосунун кыргыз элине жалпы эле тараганын, жалпылашканын, «Манас» тили кыргыздын жалпы улуттук адабий тилинин негизи болуп калганын көрүүгө болот.
«Манас» эпосунун кыргыздарга жалпы жайылуу, таралуу, жалпылашуусун бүгүнкү заманындагы кагаз бетине түшкөн варианттардан (айтымдардан) да көргөзүүгө болот. Эртеде (1862-жылы) «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүп, эпосту чогулткан В.Радлов эпостун үзүндүлөрүн Ысык-Көл айланасынан, анан Текестен чогулткан. Азыр басма сөздөрдө Кыргызстандын түндүк-түштүгүнөн сексенден ашуун манасчыдан эпостун варианты чогултулган (караңыз, «Манас» энциклопедиясы). Жуңгодо 1957-жылдан баштап 1982-жылга чейин «Манас» эпосун чогултуу жүрүшүндө бүткүл эле кыргыздар жашаган жерлерде «Манас» эпосунун варианттарынан 70 нече вариант жазылып алынган, жалпы 600 000 сап эпостун материалы чогултулган, дагы эртеде кагаз бетине түшкөн кол жазмалар табылган.
Афганстанда жашаган кыргыздардан «Манас» эпосунун варианттары чогултулуп, басмадан жарыяланган (караңыз, Реми Дор «Памир кыргыздары»). Дегинкиси, кыргыздар чогуу жашаган жерлер болсо эле, мейли кайсы уруусу болсун, «Манас» эпосу болгон.
Манасчылар. Кыргыздын жөрөлгөлүү адабий термининде «жомокчулар» деген менен айтылып келген. Кийин «манасчылык кесиби» калыптана баштаганда, «манасчы» деген термин пайда болгон. Ал эми эртедеги манастаануучулардан Чокан Валиханов менен В.В.Радлов манасчыларды «ырчы» деп да тааныштырган. Бирок байыртадан бери «Манас» жомогун айттырабыз, «Манас» айтты» деген атайын сөз айкаштары келген да, «Манасты ырдатабыз» деген сөз салтта айтылбаган. Ал эми «Манас» эпосунун тексттик баяны да «ыр» (поэзия) талабынан көрө «жорго сөз менен жомоктотуп айтылган» жомок баянына жакын. Ошого «Манас» айткандарды «жомокчу, манасчы» деп жөрөлгө боюнча атасак, ажары ачылат.
«Манасчы» дегенде, «Манас» эпосунун негизги окуяларын сактап, айтуучулук салтты бузбай, эпостун өзүмдүк обону, баяндоодо коштогон кыймыл-аракети менен кошо айтып, өзүнүн чыгармачыл курбатына жараша, устатынын айтымын (вариантын) аткарган, же алымча-кошумча кошуп, өз вариантын калыпташтырган элдик жомокчулар «манасчылар» болуп эсептелген.
Манасчылар эпосту айтуу көлөмүнө карай, «манасчы» жана «чоң манасчы» (жомокчу жана чоң жомокчу) деп аталган. «Манас» эпосун толук айткандар, же бир бөлүмүн толук айткандар, обонун, кыймыл-аракетин толук өздөштүргөндөр чоң манасчылар болгон.
Манасчылык кыргыз көркөм өнөрүндө өзүнчө бир өнөр болуп, ушул өнөр аркылуу бир үй-бүлөнү, же бир урууну бага турган өндүрүш кесипке айланган. Чоң чогулуштарда «Манас» айтканда, алдына ат, үстүнө тон жапкан. Чоң манасчылар эл кыдырып, «Манас» айтып үйүрлөп жылкы айдап келген (караңыз, улуу манасчы «Сагынбай» аттуу 1992-жылы Бишкектен чыккан «Ала-Тоо» журналынын арналуу китепчеси) ошондуктан, «манасчылык кесиби, өнөрү» деп аталып калган.
«Манасчылык» өнөрдүн биринчи белгиси, «Манас» эпосунун негизги окуясын билген болот. Экинчиси, эпостун тилин билип, анын кылымдардан бери бышып турактанган салттык саптарды толук өзүндөй айта алуу керек. Үчүнчүсү, белгилүү чыгармачылык жөндөм зарыл. Төртүнчүсү, «Манастын» айтылуу обонун өздөштүрүп, кандай мазмунду кайсы обон менен жеткире алуу, мазмунуна карай жаңсоо, нускоо, шилтөө, обдулуу сыяктуу аракеттер менен аткара алган өнөр болот. Бешинчи талап, бүткүл эле кыргыздын салт-санаасын, элдик адабиятын, эл тарых, санжырасын жетик билгендикте. «Манасчылык» кесибин туткандар ушул өнөрү менен элдик өнөрпоздордун кадырлуусу эсептелет. Манасчы, жомокчу деген атак эл тарабынан берилет (кандайдыр бир уюм жагынан эмес), эл берген атак чыныгы жана зобололуу болот.
Манасчылар «манасчы» болуп чыгуу үчүн чыныгы үйрөнүү баскычын өткөрөт. Ал үчүн өзүнөн мурдакы устатын ээрчип, анын жумушунда болуп жүрүп, устаты «Манас» айткан соорундардан үйрөнөт, кадыресе, устаты атайын үйрөтөт. Же болбосо, өзүн жашырып устатка көрүнбөй тымызын үйрөнүп, «Манас» айткан жерлерге тымызын барып жүрүп өздөштүрүп алат. Бул манасчылардын көбүнө мүнөздүү болуп, аны манасчылардын өзүнөн мурдагы үйрөнгөн устатын көп айтпагандыктарына карай айтууга болот. Өзүн жашырып тымызын үйрөнгөн манасчылардын бардыгы «түш көрүп», «түшүмдө аян берип» деген сыяктуу сөздөр менен өзүнүн манасчы болгонун «кайыбынан» деп түшүндүрүүгө аракет жасашат. Адам баласы зээн коюп үйрөнүп, берилип калган нерсе түшкө кирүүсү чындык. Өңүндө жаттап, баатырлардын элесин көңүлүнө тартып жүргөн манасчылардын түшүнө Манас же анын урпактары кирүүсү сөзсүз чындык. Түшүндө көргөнүн унутпай айтуусу абдан мүмкүн. Бул «Манасты» үйрөнүү баскычы болгон. Манасчылардын экинчи баскычы, көрүнөөгө чыгып, секин-аз чогулуштарда, андан соң чоң чогулуштарда «Манас» айтып такшалуу баскычы болгон. Мындай баскычты манасчылардын кээлери кырк жаштан кийин: «Манас» айт деп шек берген эле, эми айта баштадым» – деп түшүндүрүшөт. Такшалуу баскычы эл алдынан өтүп, «жомокчу, манасчы» деген атакка ээ болуу болгон. Манасчылардын үчүнчү баскычы, арбытуу, чыгармачылык жөндөмгө салып, өз алдынча вариант жаратуу болуп, манасчылардын бул баскычын «Манас» изилдөө баскычы десе да болот. Себеби кээ бир манасчылар баатырларды өлүмгө ыраа көрбөй, «кайып болуу» жагына ой салса, кээ бир манасчылар Манастын ата-санжырасын кууп, эпостогу баатырлардын ата-энеси, туугандары, тага-жээни сыяктууларды тактап, улам эпостогу кейипкерлердин урук-тукумун иликтеп издеп, эпоско кошуп олтурган. Ошого «Манас» эпосунун варианттарынын кээ бир бөлүмдөрү узунураак (мисалы, Кыз Сайкал кээ бир варианттарда бир, эки жерлерде жолукса, кээ бирөөлөрдүн варианттарында толук баяндалат), «Эр Төштүк уулу Коён алп» да баяндалган. Кээлеринде кыска баяндалган мындай болушу, манасчылар үйрөнүү баскычында бир эле устаттан угуп үйрөнбөй, айтор, көптөгөн манасчылардыкын угуп, ошондо ээлеген материал негизинде такшалган баскычына өткөндө, изденүү аркылуу көптөгөн каражаттарды кошуп айтып, эпосту ого бетер тактоо, түптөөгө аракет жасап, соңунда өзүнүн варианттарын калыптандырган.
Ушул күнгө чейин көптөгөн манасчылар өткөнү боолголонгон болсо да, бирок басма сөздөрдө жарыяланып эл эсинде жүргөн манасчылардан төмөнкүлөр гана айтылып келет.
- Уламышта айтылып калган манасчылар: эпостун өзүндө айтылган Ырамандын Ырчы уулу болуп, бул «Манасты» жараткан «жомокчу» болушу мүмкүн деген уламыш бизге жеткен. Мындан бөлөк Жайсаң ырчы деген да «Манас» эпосун жараткан алгачкы манасчылардан болушу мүмкүн деген уламыш бар. Андан соң «Токтогул ырчы, Толубай сынчы» тушунда Токтогул чоң жомокчу болушу мүмкүн деген уламыш бар. Булар уламыш боюнча айтылган манасчылар тобун түзөт;
- Эл эсинде калган, бирок алардын айтымдары толук кагаз бетине түшүрүлүп жетпеген (аз бөлүгү гана жеткен) манасчылар: 1. Келдибек Барбоз уулу (1800–1888); 2. Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799–1887); 3.Тыныбек Жапиев (1846–1902); 4. Чоюке Өмүров (1863–1925); 5.Нармантай Чоңбаш (бул маалыматтарды караңыз «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 2-том, 146-бетине, 2002-жылы басылышы, Бишкек);
- Варианттары кагаз бетине түшкөн, «Манас» эпосун толук айткан манасчылар: 1. Шапак Ырысмендеев (1863– 1956); 2. Сагынбай Орозбак уулу (1867–1930); 3.Жаңыбай Кожеков (1869–1942); 4. Багыш Сазанов (1878–1958); 5. Жакшылык Сарыков (1880–1934); 6. Молдобасан Мусулманкулов (1883–1961); 7. Иса Жумабек уулу (1884–…?); 8. Актан Тыныбеков (1888–1951); 9.Саякбай Каралаев (1894–1971); 10. Мамбет Чокморов (1896–1973). (Жогорку маалыматтарды «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 2-том, «Манасчылар» бөлүмүнөн караңыз, 2002-жылы, Бишкек);
- Жусуп Мамай (1918–…); 12. Темир Турдумамбет; 13. Эшмат Мамбетжусуп (1860–1963), 14. Жусубакун Апай (1884–1922); 15. Осмон Маты (1906–1970).
«Манас» айтуу. Кыргыз элинде «Манас» айтуу жана «Манас» угуу өтө оорактуу иш катарында каралат. Ар бир айылда манасчы болгон. «Манас» айтуу» жана атайын «Манас» айттыруу» деп эки түрдүү айтылат. Демейде, «Манас» айтуу бейпилчилик күндөрдө бир айылда манасчыны айттырып үзүр алуу, же чоң той, мааракелерде манасчыга «Манас» айттыруу болгон. Мындай жагдайда манасчыны чакырып келип айттыруу, же болбосо кыдырып «Манас» айтып жүргөн манасчы келип айтуу жагдайларда айтылган. Ал эми атайлап «Манас» айттыруу дегени, манасчыларды сыноо-айтуу көлөмүн чендөө максатында эл аксакалдары калыстарды чогултуп, атайын үй тиктирип, азык, оокат, союш камылгасы менен ар кайсы жерлердеги манасчыларды (чоң манасчыларды) чакыртып келип «Манас» айттырган. Мындай «Манас» айттыруу эки ыңгайда болгон, анын бири, бир эле бөлүмдү бир нече манасчыга айттырып баа берүү, экинчиси, бир бөлүмдүн окуясын бир манасчыга, андан аркы окуясын дагы бир манасчыга улап айттырып көргөн. Мындай айттыруу «Манастын» ким канчалык көлөмдө, кандай көркөмдүктө айта тургандыгын билүү максатында атайын уюштурган кесиптик, манасчылар чогулушу болгон. Чоң манасчы, жомокчулар мына ушундай чогулуштарда иргелген. Демейдеки айылдарда «Манас» айттырууда көбүнчө «Манастын» кайсы бир бөлүгү айтылган. Толук айттырууга убакыт, чоло табылбаган. «Манас» эпосун нечен түндөп айттыруу менен толук угууга болбогон. Аны нече айлапжылдап айтып бүткөн.
Угармандар. «Манас» угармандары манасчыдан эпостун салттык обону, айтуу, нускоо, жаңсоо, обдулуу аракеттери менен угууну жактырышкан. Айылга манасчы келгенде, «Манас» айттырган айыл кудум чоң көлөмдөгү театрда көргөндөй, сахналык чыгармаларды көргөндөй ынтаа, кызуулук менен угушкан. Угармандар эпостун окуясындагы кайгылуу турмушка бирге кайгырып, кээ бирөөлөр ыйлашып олтурган. Жеңиштүү, кубанычтуу окуяларды укканда бирге кубанышып бирге үзүр алган. Согуш, салгылашуу окуяларын укканда как ошол майдандакы көрүнүшкө тике катышып жаткандай парызда, бирде обдулуп, умтулуп бүт угармандар кандайдыр ичтен аракетте болуп турган кебете пайда болгон. Эпосту угуп жатканда, ар кандай бөлөкчө шыбыр-күбүр болбогон. Бардык ички-тышкы кыймыл токтоп, жапжалгыз манасчынын доошу, аракети бүт айылды бийлеп турган. Чоң манасчылар келип «Манас» айткан айылдын аянты толуп, үйгө сыйбай талаада угушкан. Эгерим жаан жаап, шамал чыгып калса да, эч ким угуучу жерден кетип калбаган.
Манасчынын алдына дасторкон жайылып, чөйчөккө эритилген сары май белен коюлуп турган. Манасчы карыкканда сары май менен тамак жумшартып, айтуусун уланта берген.
«Манас» эпосунун жазылып алынуусу жана басмадан чыгуу абалы
«Манас» эпосун чогултуу, кагаз бетине түшүрүү, басмадан чыгаруу жумушу «Манастын» жаралуу дооруна салыштырганда абдан кеч башталган жумуш эсептелет. «Манас» эпосун чогултуу жумушу илгери жомокчулардын иши болуп, алар өздөрү «Манас» үйрөнүү максаты менен өзүнөн мурдакы манасчыларды угуп, көөдөнгө чогултуп, аны кайра ооздон-оозго өткөрүп жүргөн.
«Манас» эпосунун жазмага түшкөн тарыхы манастаануу илиминде бир нече саамалыктар менен баяндалып келет. Анын эң эртедегиси, «Орхон-Энесай таш жазмаларында» эпостун баяны сымал саптар бар. Мүмкүн, «Манастын» өзү болбосо да, кыргыздын жомоктук үлгүсү ошол ташка чегилген саптарда бар деген көз караш жок эмес.
«Манас» эпосу жөнүндө кагазга түшкөн баяндын эң алгачкысы «Маджму ат таварих» деген автору белгисиз (бирок Ферганалык Сейиф-ад-Дин Аксыкенттин жана анын уулу Нооруз Мухаммедин кол жазмасы боюнча жеткен) китеп болуп (чама менен 1503–1514-жылдарда), анда «Манас» эпосу жана Манас баатырдын Жолой менен болгон согушу, ал тургай Жакып жөнүндө баян айтылган. Бул баян «Манас» эпосунун кагазга түшкөн биринчи варианты деп каралып келет.
Андан кийинки маалымат Чокан Валихановдун «Манасты» кагаз бетине түшүргөндүгү болуп, 1856-жылы кыргыз жергесине келип «Манас» эпосунун бир окуясы – «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине түшүргөн, бардыгы 3320 сап. Анын 910 сап котормосу 1904-жылы СанктПетербургда жарык көргөн.
Андан соң «Манас» эпосун В.В.Радлов кагаз бетине түшүргөн. Ал 1862-жылы Текестен бугу уруусунан, 1869жылы Ысык-Көлдөн сарыбагыш жана солто урууларынан «Манас» эпосунун үч бөлүмүнүн негизги окуяларын кагаз бетине түшүргөн. Андан бөлөк «Эр Төштүк», кыргыз кошоктору сыяктууларды жазып алган. Мында «Манас» боюнча 11376 сап жазып алган. Анын ичинде «Манас» бөлүмү 9449 сап, «Семетей» бөлүмү 1421 сап, «Сейтек» бөлүмү 506 сап болгон.
Бул 1885-жылы «Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрү» деген желелеш жыйнагынын 5-томунда жарыяланган (Бул вариант 1997-жылы «Кызылсуу Кыргызбасмасы» жагынан «Карт дастан» деген ат менен басмадан чыкты).
Венгр окумуштуусу Г.Ф.Алмаши 1900-жылы кыргыз жергесине келип жүргөн кезде «Манастан» үзүндү жазып алган, ал 1911-жылдары жарыяланган жана кыргыздарды, «Манасты» тааныштырып макала жазган.
Орус сүрөтчүсү Б.В.Смирнов 1903–1904-жылдары кыргыз жергесинде болгон кезде «Семетейдин» кыска окуясын кара сөз иретинде жазып алып, 1914-жылы Москвада жарык көргөн.
Жогоркулар «Манас» эпосун жазып алуу, чогултуу, башка элдерге тааныштыруу жумушунун босого аттар жумуштары болгон. Болуп да «Манас» таануу илими дүйнөгө эшигин ачкан саамалык катары көрүнгөн.
«Манас» эпосун атайын максаттуу түрдө чогултуу, кагаз бетине түшүрүү жумушу 1920-жылдардан кийин башталып, арналуу уюмдук көз караш менен иш башталган.
1920-жылдары «Манас» эпосунун кагаз бетине түшүү абалы.
Чоң жомокчу Сагынбай Орозбаковдун «Манасын» жазып алуу иши 1922-жылы башталып, «Манастын» биринчи бөлүмүн жазып алуу жумушу 1926-жылы байыган.
Тыныбектин «Семетейден» үзүндүсү 1925-жылы араб тамгасы менен Москвадан басылып чыккан. Анын баш сөзүн Ишенаалы Арабаев жазып, «Тыныбек жомокчунун «Семетейи» деген ат менен китепче кылып чыгарган.
1930-жылдарда «Манас» эпосунун кагаз бетине түшүү абалы.
1930-жылдарда чоң жомокчу Саякбай Каралаевдин айтымы, Шапак Ырысмендеев, Тоголок Молдо, Акмат Ырысмендеев, Багыш Сазанов, Актан Тыныбеков сыяктуу манасчылардын айтымдары кагаз бетине түшүрүлгөн. 1940–1950-жылдарда «Манас» эпосунун басмадан чыгуу жумушу Кыргызстанда алгачкы саамалык катары башталган. 1940–1943-жылдары «Манас» сериялары» деген желелеш китептен экөө басмадан чыкты. Ал 1946жылы орусчага которулуп, Москвада жарык көргөн.
1958–1960-жылдарга чейин Кыргызстанда «бириктирме вариант» деген ат менен «Манас» (биринчи, экинчи китеби 1958-жылы), «Семетей» (1959-жылы), «Сейтек» (1960) басмадан чыккан.
1978-жылдан баштап, Кыргызстанда чоң жомокчулар, манасчылар Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин айтымдарын түп нускасы боюнча чыгаруу жумуштарын баштаган. 1982-жылга чейин Сагынбайдын айтымындагы «Манастын» төрт китеби басмадан чыккан. Саякбай Каралаевдин 1982–1984-жылдарга чейин «Манасы» эки китеп, 1985–1987-жылдарга чейин «Семетей» эки китеп, 1990-жылы «Сейтек» бөлүмү жарык көргөн.
Жуңгодо (кытайча) «Манас» эпосунун кагаз бетине түшүү абалы.
Кытай (Жуңго) кыргыздарынан «Манас» эпосун жазып алуу иши 1862-жылы Текестен В.В.Радлов «Манас» эпосун кагаз бетине түшүргөндөн баштап саналат. Андан кийин 1900-жылдардан баштап, 1916-жылдан тартып Акчий ооданы, Карачий айылы, Меркеч кыштагынын кеменгер адамы Балбай Мамай уулу «Манас» эпосун чогулта баштаган (чоң манасчы Жусуп Мамайдын маалыматында). Ал кайдан эле болбосун «Манас» эпосун уккан-көргөн жерден чогулткандан бөлөк, өзү чоң жомокчу (өзүн жашырып жүргөн) Жусубакун айткан «Манасты» кагаз бетине түшүргөн. Жусубакун көрүнөө жерде элге айтпайм деген өтүнүчү боюнча Балбай Жусубакунду жанына көчүрүп келип, чөп чабууда элетке бирге алып кетип, күндөптүндөп ал тургай нече жылдап ээрчитип жүрүп «Манас» эпосун жазып алган.
Азыркы Жусуп Мамай айткан сегиз урпактуу варианттын соңку бөлүктөрүн ошол Жусубакун айткан боюнча Жусуп Мамай үйрөнгөн. Дагы айтсак Жусуп Мамай айтымы Балбайдын көп жактылуу чогулткан «Манас» материалынан көрөңгө алып, Жусуп өз вариантын калыптандырган. Ошого биз Балбай Мамай уулун жуңго кыргыздарынан эң алгач «Манас» чогулткан, «Манасты» кагаз бетине түшүргөн деп тааныйбыз.
1946-жылы «Манастын төрөлүшү» деген үзүндү «Чыгыш журналы» деп аталган журналдын үчүнчү санына ханзуча жарыяланган. Аны Лойү Чың которгон. 1947жылы «Шинжаң» изилдөө жыйнагы» дегенде «Кыргыз эпосу «Манаска» кириш сөз аттуу Мазлаговдун макаласы жарыяланган. 1949-жылы биринчи айдын 17-күнкү «Шинжаң гезитинде» Абдыкадыр Токторов уулунун «Кыргыз эпосу «Манас кан» жөнүндө баян» аттуу макаласы жарыяланган (бул маалыматтар Лаң Йиң жазган «Манаснаама» аттуу китептен алынды).
1956–1957-жылдары Жуңго илимдер академиясы жагынан аз сандуу улуттардын тилин текшерүү группасы курулуп, жалпы эле улуттар тилдерин текшерүү болгон. Ошондо кыргыз тилин текшерүү группасындагылар тил материалын чогултуу менен кошо «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү кагаз бетине түшүргөн. Манас изилдөөчү окумуштуу Ху Чжен Хуа ошол группада болуп, 1957-жылы Көөнө Улуучат айылынан «Манас» үзүндүсүн жазып алган (Ху Чжен Хуа өзү камдаган материалга негиз айтылып жатат). Ал жазып алган материал азырга чейин байланыштуу орундарда сакталуу экен. Бул уюм жагынан туңгуч ирет «Манас» эпосун жазып алуу баштаган деп эсептелип келет.
1960-жылы Ху Чжен Хуа баштаган тил изилдөөчүлөр Улуучат ооданынан Темир манасчыдан «Семетейди» жазып алган. Анын ханзуча «Тианшан» журналында, уйгурча «Таарым» журналында үзүндүлөрү жарыяланган (караңыз, Ху Чжен Хуа «Манас» изилдөө материалдары», Май басма, 1976-жыл, 10-айлык санында).
1961-жылы 3-айда «Шинжаң Уйгур аптоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр» бирлешмеси, Кызылсуу областтык партком үгүт бөлүмү, Борбордук улуттар шөйаны биргелешип «Манас» чогултуу, кагаз бетине түшүрүү боюнча атайын группа уюштуруп, бул группа бир жыл чамасы бүткүл эле Шинжаңдагы кыргыздар конуштаган жерлерге барып «Манас» эпосун чогулткан, ошондо отуздан ашуун манасчыдан «Манас» варианттарын жазып алган. Ушул жолу жалпы «Манас» боюнча чогултулган материал 300 000 сап болгон. Анын ичинде эң көп айтканы Жусуп Мамай болуп, андан 100 миң сап жазып алып, бир эле убакта ханзучага тике которуу жумушун бүтүрүшкөн. Дегинкиси, Жүңгодо манастаануу иши мына ушул 1961-жылдан башталган, ушул эле жылы бир жагынан эпосту чогултса, дагы бир жагынан ханзучага которуу, басма сөздөрдө тааныштыруу, макалаларын жазуу иштерин сыйрасы менен баштаган. Алып айтсак, «Шинжаң гезитинин» 1961-жылкы 12-айдын 14–15-күнкү сандарынын үчүнчү беттеринде «Манас» үзүндүлөрү ханзуча жарыяланган. «Тианшан» журналынын 1961-жылдык 1–2-сандарында «Семетейден» үзүндүлөр жарыяланган (ханзуча).
1964-жылы 7-айдан, 1966-жылдын 7-айга чейин болгон эки жылда «Манас» эпосунун кагаз бетине түшүрүү иши эң бийиктикке жеткен мезгил болгон. Негизинен, Жусуп Мамайдын айтымын кагаз бетине түшүрүү жумушун улантып, 1961-жылы айткандарын кайра толуктап, алты урпакка чейин 180 000 сап жазып алынган. Ушул эки жылда Жусуп Мамай айтымын бүт ханзучага которуп чыккан. «Манас» бөлүмүнүн биринчи, экинчи китебин мык басмадан «пайдалануу материалы» (ханзуча) деген ат менен чыгарып, бул алгач которулган материалды изилдөөчүлөр пайдаланууга даярдаган.
1979-жылдан 10-айда «Манас» эпосун Жусуп Мамайдан жазып алуу иши кайрадан улантылып, бул кызматты Борбордук улуттар институту жүргүзүп, Жусуп Мамай жана башка «Манас» жазып алуучуларды Бээжинге чакырып, атайын группа уюштуруп, Жусуп Мамай айтымын кайрадан айттырып жазып алуу, аны ханзучага которуу жумушун иштеген. Мында 1960-жылдары айткан, кагаз бетине түшкөн материалдын көбү жоголуп кетти делип табылбагандыктан, (2002-жылы ошол 1961–1964-жылдары эки жолу айткан материал Бээжинден табылып, нускасы көчүрүлүп келди) кайрадан айттырып толуктап жаздырган («Семетей» бөлүмүнүн 1961-жылкы нускасы жоголбогон). Дагы жаңыдан жетинчи, сегизинчи урпакты айттырып, кагаз бетине түшүргөн. «Манас» бөлүмүн Мамай басмадан чыгарып, пикир алууга байланыштуу адамдарга тараткан.
1982-жылы «Шинжаң-Уйгур автоном райондук партком» (1982) 56-номурлуу үжөт түшүрүп, «Манас» эпосун мурас катары куткарып алып, аны басмадан чыгаруу, которуу жумушун колго алуу жөнүндө тастык түшүргөн. Автоном район даражалуу «Манаска» жетекчилик кылуу группасы курган. Шинжаң эл оозеки адабияты коомуна «Манас» изилдөө ишканасын куруп, арналуу штат менен адамдарын толуктаган. Жусуп Мамайды Үрүмчүгө көчүрүп келип, түрдүү жактан шарт жаратып берип, өзү айткан вариантты баштан-аякка кайрадан текшерип көрүп, толуктоо талабы коюлган. Жусуп Мамай 1982-жылдан 1985-жылга чейин аралыкта алды-кийин болуп, нече жолу кайра-кайра айткан. 1961-жылдан баштап, 1982-жылга чейинки башкалар жагынан жазылган өз вариантын кайра баштан оңдоп, толуктап, көп бөлүмүн өзү кайра кагаз бетине түшүрүп чыккан. Азыр биз айтып жаткан, окуп турган ушул Жусуп Мамай айтымы соңку өзү текшерип, толуктап чыккан нускасы болуп эсептелет.
1984-жылы жогоруда аталган «Манаска» жетекчилик кылуу группасы, «Манас» редакциялык коллегия уюштуруп, бул эпосту басмага өткөрүүнүн соңку карап чыгуу кызматын баштаган, ошону менен 1984-жылы «Манас» эпосунун биринчи бөлүмүнүн биринчи тому, «Семетейдин» биринчи тому 1984-жылы «Шинжаң эл басмасы» жагынан басылып чыккан. Ошондон баштап ар жылдык план боюнча ушул басмадан «Манас» эпосунун Жусуп Мамай варианты уландуу басылып таратылып, 1995-жылы 18 том менен жыйынтыкталган.
«Манас» эпосунун Жуңгодо басмадан чыгуу абалы:
1984-жылы «Манастын» биринчи тому, «Семетейдин» биринчи тому басмадан чыгып таратылган.
1989-жылы «Манастын» экинчи, үчүнчү, төртүнчү томдору басмадан чыгып болгон. Бардыгы 53287 сап, төрт китеп (32 форматта чыккан, төмөнкүлөр да окшош).
1990-жылы «Семетейдин» 2, 3-тому басмадан чыгып болгон, бардыгы 35246 сап, үч китеп.
1992-жылы «Сейтек» 1, 2-тому басмадан чыккан. Бардыгы 22590 сап, эки китеп болгон.
1993-жылы «Кененим» 1, 2-том басмадан чыккан. Бардыгы 32922 сап, эки китеп. Ушул жылы «Сейит» 1–2-китеп басмадан чыккан. Бардыгы 24000 сап, эки китеп.
1994-жылы «Асылбача-Бекбачанын» 1 тому басмадан чыккан.
1995-жылы «Асылбача Бекбачанын» 2, 3-томдору басмадан чыккан. Бардыгы бул бөлүм 37680 сап, үч китеп.
Ушул эле жылы «Сомбилек» 1 китеп болуп басмадан чыккан, бардыгы 14868 сап.
Дагы «Чигетей» 1 китеп ушул жылы басмадан чыккан.
Бардыгы 12325 сап болгон.
1995-жылы дагы «Манас» эпосунун окуяларынан кыскача баян аттуу китеп кара сөз түрүндө түзүлүп, «Манас» эпосунун Жусуп Мамай варианты корутундуланып, тааныштырылган (жогорку китептин бардыгы «Шинжаң эл басмасынан» чыккан).
1997-жылы В.В.Радлов жазып алган вариант «Карт дастан» деген ат менен «Кызылсуу кыргыз басмасы» жагынан чыккан.
2003-жылы Эшмат Мамбетжусуп айткан «Семетей» «Кызылсуу кыргыз басмасынан» жарык көргөн.
«Манас» эпосун чогултуп, аны кагаз бетине түшүргөндөр:
- Чокан Валиханов, 2. В.В.Радлов, 3. Кайым Мифта ков, 4. Ыбрайым Абдырахманов, 5. К.Жумабаев, 6. К. Ыдырысов, 7. К.Кыдырбаев, 8. К.Ысмаилов, 9. Балбай Мамай уулу, 10. Ху ЧженХ уа, 11. Ли Йу Фа Чжун, 12. Пазыл, 13. Сакен Өмүр, 14. Үсөнаалы Алымкул сыяктуу адамдар «Манас» эпосун жазып алуу, чогултуу, басмадан чыгаруу жумуштарына катышып, эпостун бүгүнкү турактуу басма сөз формасында, урпактан урпакка улана берүүсүнө аябай салым кошушкан. Андан бөлөк да эпосту жазып алуу, чагын варианттарын кагаз бетине түшүрүү ишине жүздөгөн адамдар катнашкан. Бирок биз жогоруда атаган адамдар «Манасты» жазып алууда орошон эмгектери барлар деген максатта атайын айтылды.
«Манас» эпосунун изилдөө жагдайы
Манастаануу XIX кылымдын соңунда Чокан Валиханов менен В.В.Радловдун «Манас» менен таанышуусунан башталып, кылымдардан бери манасчылар изилдеп, иликтеп келген «Манас» жомогу дүйнөлүк илимпоздордун изилдөө темасына өткөн. Мурдагы манасчы, жомокчу «Манасты» иликтеп, изилдөөсү тек эпосту толуктоо, кемелдендирүүнү максат кылышып изилдеген. Изилдебей, эпостун жалпы окуясы менен таанышпай, санжыралык баянын мыкты билбей туруп, анын айтылуу обондорун, жаңсоо кыймылдарын иреттеп билбей туруп, манасчы, жомокчу болуу кыйын эле. Ошого «Манас» изилдөө жөнүндө сөз болгондо, алды менен манасчы, жомокчулар изилдеген дегенди айта кетүүгө тийишпиз.
Бирок «Манас» изилдөөсү өзүнчө илим катары анын жан-жактылуу жактарына кайрылып изилдөө иши дагы эле Чокан Валиханов, В.В.Радловдор менен башталган. Алар «Манас» эпосуна биринчилерден болуп аныктама берип, эпостун мүнөзүн белгилеп беришкен, ошондон соң «Манас» эпосу, негизинен, төмөнкү жактардан изилденген жана тааныштырылган.
- «Манас» эпосу тааныштыруу максатында изилденген. Эпос океандай чалкып жаткандыктан, аны жалпы эле элге, эл арага тааныштыруу, таанытуу ажаты болгон. Ошондуктан мындай изилдөөнүн колго алынышы зарыл эле.
- «Манас» эпосуна аныктама берүү мүнөздө изилдөө жүргөн. Мындай изилдөөнүн натыйжасында «Манас» эпосу кыргыз элинин энциклопедиясы», «кыргыз рухунун туу чокусу», «баатырдык эпос» деген аныктамалар берилип, дүйнөдөгү эпостор катарында бою, ою улуу болуп турууга жетишти.
- «Манас» эпосунун жаралган доорун иликтеп изилдөө боюнча изилдөөлөр болгон. Бул изилдөөнүн майнабы эпос менен кыргыздын тарыхын кууп, баяндоого жетишкен.
- «Манас» эпосунда айтылган баяндарга негиз кыргыздын маданиятын изилдөө, издөө жүргөн. Мындай изилдөөнүн мааниси абдан зор болуп «байыркыны азыркы үчүн иштетүү» руху боюнча ушул кездеги «Кыргызтаануу» илимине «Манас» эпосу далил болууга жетишкен. Алып айтсак, кыргыз тарыхы боюнча сөз болгондо алды менен «Манас» эпосундагы баянга кайрылуу, андан накыл көрсөтүү, кыргыздын кол өнөрчүлүгү, турак жайы, кийим-кечек, жемек-ичмек маданияттарынан сөз козгогондо «Манас» эпосунан далил көрсөтүү, аны мисалга тартуу менен бекемдөө болду. Болуп да кыргыз тили жалпы эле кыргыздын тилдик маданиятын изилдөөдө «Манас» эпосу көрөңгү болуп калды. Мына булардын бардыгы эпостун кыргыз маданиятын изилдөөнүн натыйжасы деп айтууга болот.
- «Манас» эпосунан кыргыздын ой-санаасын, кыялын, жашоого, дүйнөгө болгон караштарын издеп, ошол жагын иликтеген изилдөөлөр да алгачкы арымда башталган. Болуп да диний ишенимдерин «Манас» эпосундагы акылмандыкты изилдөө абдан натыйжа берет.
- «Манас» эпосу менен дүйнөлүк башка эпосторду салыштырып изилдөөдө, дүйнөлүк эпостор менен көлөмүн, эпостук түзүлүшүн, болуп да окшоштук жактарын салыштырган эмгектер жаралды.
- «Манас» эпосу боюнча ондогон илимий талкуу, чогулуштар өтүп, «Манас» таануунун жайыты кеңирген.
«Манас» боюнча чоң чогулуштарды атап көрсөк:
1952-жылы 6–10-июнда «Манас» боюнча Кыргызстанда чоң илимий чогулуш болуп, буга төрт жүздөн ашуун адам катышкан.
1990-жылы Жуңгодо бүт мамлекеттик «Манас» боюнча илимий чогулуш болуп өткөн. Буга жүздөн ашуун адам катышкан.
1994-жылы Үрүмчүдө «Манас» эпосунун эл аралык илимий чогулушу болуп, 10 нече мамлекеттен 80ден ашуун адам катышкан.
1995-жылы Бирлешкен мамлекеттер уюму «Манас» жылы» деп белгилеп, Кыргызстанда өтө чоң маараке – «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген. Ошол байланыш менен ондогон илимий макалалар жыйнактары жарык көргөн. «Манас» эпосунун изилдөөсү дагы бир жолу эл аралык белеске ат койгон.
8) «Манас» эпосун изилдөө боюнча ондогон арналуу китептер, миңдеген макалалар жарык көргөн.
Жуңгодо «Манас» эпосун изилдөө боюнча бир нече макала жыйнактары чыкты. «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагынын» 1-тому, 1991-жылы 2-тому, 1991-жылы «Шинжаң эл басмасы» жагынан жарык көрдү. 1-томуна 33 макала киргизилген болуп, 435 бет, чоң 32-форматта чыккан. 2-томунда 44 макала киргизилген, 550 бет, чоң 32-форматта чыккан. 1994-жылы «Илимий макалалар жыйнагынын» ханзучасы жарык көрдү.
2001 -жылы «Манас» эпосун атайын изилдеп жүргөн атактуу окумуштуу Ла Йиң айымдын «Манаснаама» деген арналуу изилдөөсү көлөмдүү китеп болуп басмадан чыкты. Бул Жуңгодо ханзу жазуусу менен «Манас» эпосун көлөмдүү тааныштырган китеп болуп эсептелет. Ла Йиң айым андан мурда да «Манас» изилдөөсү боюнча мындан чаканыраак эки китеп чыгарган.
Мындан бөлөк «Манас» изилдөөсү боюнча Жуңгодо ханзуча, уйгурча, кыргызча жазылган эмгектер, жазылган макалалар жарыяланып, «Манас» эпосун таануу илиминин барааны көрүнө баштады.
9) «Манас» эпосун изилдөөчүлөр «Манас» эпосу XIX кылымдын соңунда изилдөөнүн бети ачылгандан тартып азырга чейин өзүнүн изилдөө кошуунуна ээ болду.
Азыркы «Манас» таануу илиминде Манас изилдөөчүлөрдөн төмөнкүлөрдү атасак, эмгегине жараша айткан болобуз. Алар:
Ч. Валиханов, В.В. Радлов, К. Мифтаков, М.Авазов, Реми Дор, Г.Жирмунский, Г.Рахматуллин, Б.Юнусалиев,
С.Абрамзон, Георг Алмаши, А.Бернштам, Х.Карасаев,
К.Кырбашев, С.Мусаев, К.Тыныстанов, Р. Кыдырбаева, Хатто, Ху Чжен Хуа, Ла Йиң, Луй Фа Чжун, Шаң Ши Чжин, Сакен Өмүр сыяктуулар, булар «Манас» изилдөөдө өзүнчө кошуундун башындагылар эсептелет. Мындан бөлөк да нече жүздөгөн авторлор «Манас» боюнча макалалар жазып келет.
Майнап сөз, «Манас» изилдөөсү боюнча бараандуу эмгектер жазылып, изилдөөчүлөр кошунунун карааны көрүнүп калганын жогоруда айттык. Бирок «Манас» таануу илими жаш илим болуп изилдөө али тереңине тартыла элек.
Анын себеби «Манас» эпосунун варианттары толук басмадан чыгып болуна элек. Дагы бирөө «Манас» эпосу дүйнөдөгү чоң тилдерге толук вариант боюнча жогору деңгээлде которулуп бүткөн жок. Ошол себептүү «Манас» изилдөөсү «бечел калды» деп айтууга тийиштүүбүз.
«Манас» эпосунун котормосу жөнүндө бир ооз баян
«Манас» эпосун башка тилдерге которуу Чокан Валиханов менен В.В.Радловдон башталган, ошондон кийин эпостун котормосу орус тили, герман тили, ханзу тили, англис тили, уйгур сыяктуу тилдерге которулгандыгы жөнүндө маалымат бар.
Жуңгодо ханзу тилине которуу жумушу 1946-жылы туңгуч ирет болгон болсо да, чыныгы которуу иши 1961-жылдан башталган. «Манас» эпосун чогултуу, жазып алуу үчүн атайын группа Жусуп Мамай вариантын 1961-жылдан 1966-жылы 7-айга чейинки аралыкта алты урпакка чейин которуп, кагаз бетине түшүргөн. Котормочулар Лйу Фа Чжун, Пазыл, Сакен Өмүр сыяктуулар болгон. Биринчи бөлүм «Манасты» эки китеп кылып Мык басмадан чыгарып, пайдалануу материалы деп изилдөөчүлөргө тараткан. Ошол жылдары которулган материал жакында табылып, «Шинжаң эл оозеки адабият коомунун» «Манас» изилдөө ордунда сакталуу турат.
1978-жылы «Манас» эпосун которуу жумушун Бейжинде улантып, бир кыйла бөлүгүн Шаң Ши Чжин, Лйу Фа Чжун, Сакен Өмүр, Ху Чжен Хуа, Орозакун Касым сыяктуу кишилер котормосу үстүндө иштеген.
1991–1992-жылдары айрым-айрым «Манас» бөлүмүнүн ханзуча котормосу эки китеп болуп, «Шинжаң эл басмасынын» ханзу бөлүмүнөн чыккан, бирок бул «Манас» бөлүмүнүн жарымынан көбүрөөгүн таштап которгон, кээ бир мазмундарды кирди-чыкты которуп койгондуктан, пайдалануу берекети болбой кала берген.
Мындан бөлөк, Жуңгодо гезит-журналдарда «Манас» эпосунан үзүндүлөр ханзуча, уйгурча которулуп жарыяланган.
«Кененимден» үзүндү жапон тилине которулуп, «Манас» Жапонияга тааныштырылган.
АЛТАЙДАГЫ БАБА МУРАСТАРЫНАН
Мен тарыхчы да, географ да эмесмин. Бар болгону журналистмин. Манастын киндик каны тамган жер так ушул Алтай болгон деп айкырык салайын деген да оюм жок. Менден башкалары да жетиштүү. Силерге шашылыш айтып бергим келип, жанымды жанга уруп аткан бир жакшы кабар – Алтайдагы жер-суу аттарынын биздикине ушунчалык жакындыгы болду. Анда бирден санап кетейин.
Алтайдагы ашуу аттары
Катын тоосу
Айгара, Айташ, Ак өзөк, Ак кем, Акчаң, Ак оюк, Берел ээр, Ит өлгөн, Катын, Кара терек, Кара чик, Көк көл, Кош булак, Куураган, Кара сөөк, Кара оюк, Сакал ээр, Текелүү.
Түндүк Чүй тоосу
Ак Карасуу, Бара, Илбирстүү, Миң булак, Үч Обо, Чүрөк.
Шапшал тоосу
Жылуу көл, Кара Тасыркан, Муштук, Онгулук, Туту оюк.
Чихач тоосу
Бугу узун, Карагай.
Алтайдагы суу аттары
Абай, Айлуу, Айдың көл, Айгулак, Айран, Айрык, Ая, Аюулуу, Ак көл, Ак куу, Ак сарт, Ак тура, Аксагызган, Албаган, Алтай, Алтын көл, Алтын тоо, Аржан, Артыбаш,
Азган, Аскат, Ачык, Ачылман, Бабырган, Байтоо, Балык, Балыкты, Башкы суу, Бел адыр, Бек Темир, Муздуу тоо, Буктурма, Бүлөөлүү, Бичик боом (аскасында жазуусу бар боом), Бий, Боскун (селсаяк маанисинде) Ыйык көл, Жазы төр, Жылуу кел, Эжеке, Жыландуу, Жолго, Ийин, Жыгач, Камчы, Каракорум, Көмүр тоо, Куурай, Кыр сай, Куйма, Кызыл как, Манжүрөк, Ойор, Онгудай, Орук ой, Быжы, Басырык, Сай конуш, Сыракта, Сары суу, Сары сээр, Суу канды, Суу арык, Тал тура, Туюк тоо, Тура оюк, Уй караташ, Улаган, Күлүк, Оросуу, Чабдар, Чаргы, Чибит оюк, Чике таман, Чири, Чоюлма, Чоңкем, Шалдыра, Карасагызган, Кызыл топурак.
* * *
Ал эми мына бул жер-суу аттарын атайылап бөлүп алдым, себебин айтпасам да түшүнүп турган чыгарсыздар.
Манас тоо, Кан Жакыптын жайлоосу, Каракол, Каракужур, Кызарт, Күркүрөө, Токмок, Шаар Ош, Аркыт, Атбашы, Боом, Балыкчы, Сары Үзөк Чүй, Чүй.
Баса, кечээ эле көк бөрүгө келип кеткен Алтайдагы Онгудай районунун администрация башчысы Тузачинов Семён Сергеевичке кайрадан жолугуп, ал-жайын сурасам, Алтайдагы Манас тоосуна атайын барып, быякка келер алдында көрүп келгенин, тоо бир топ бийик экенин, туштарабын Тайга курчап турганын кеп салды.
Кылымдар бою жашап келген Ата Мекенди таштоо оңой бекен! Ата-бабаларынын сөөгү жаткан ыйык жердин кымбат аттарын тумардай аздектеп, бооруна басып, көкүрөгүнө катып жүрүп ала келип, анан ал аттарды Ала-Тоо конушуна алтындай чачып ийип көксөөсүн басса керек атаганат деп ойлойсуң.
Алтай сөөк
- Кергил – ыйык жаныбары – Тоңкулдак, энтамгасы – (каз белги).
- Чапты – ыйык жаныбары – Элик, энтамгасы –(сөйкө белги).
- Кыпчак – ыйык жаныбары – Бөрү, энтамгасы –(суулук белги).
- Алмат– ыйык жаныбары – Каз, энтамгасы – (каз белги).
- Иркит – ыйык жаныбары – Бүркүт, энтамгасы –(жаа белги).
- Тонжаан – ыйык жаныбары – Жылкы, энтамгасы – (мүйүз белги).
- Сагал – ыйык жаныбары – Аюу, энтамгасы – тажуур (көнөк белги).
- Көбөк – ыйык жаныбары – Ак куу, энтамгасы – (саракай, кошуу белги).
- Майман – ыйык жаныбары – Ит, энтамгасы –(чорго белги).
- Төөлөс – ыйык жаныбары – Марал, энтамгасы – (ширее белги).
- Мундус – ыйык жаныбары – Бука, энтамгасы – (ай белги).
- Тодош – ыйык жаныбары – Коён, энтамгасы –(тоскуур белги).
а) Энтамга – сөөк ээлигин туюндурар белги.
б) Энтамга – сөөк ээлигиндеги малга белги катары басылат.
в) Энтамга – ар бир сөөктү (урууну) ар кандай кырсыктардан, көз тийгенден, каргыш менен бактысыздыктан алдын ала сактоочу касиетке ээ. Бул ишеним бүгүн да күчүндө.
Ай санагы
Январь – Кар айы же Чаган ай,
Февраль – Теке айы же Кочкор ай,
Март – Көктөм айы же Тулаң ай,
Апрель – Гүл айы же Кандык ай,
Май – Күкүк айы же Күүк ай,
Июнь – Кичүү изү айы же Кичүү ысык ай,
Июль – Жаан изү айы же Чоң ысык ай,
Август – Куран айы (эликтин ургаачысынын аты),
Сентябрь – Марал ай же Сыгын ай (маралдын синоними),
Октябрь – Жалбырак ай же Үлүргөн ай,
Ноябрь – Күчүргөн ай,
Декабрь – Кышкы куран ай же Жанар ай (ушул айда маралдар эски мүйүздөрүн жаңысына алмаштырат).
Жыл санагы
Алтайда туулган күндү чыккан күн деп аташат. Аны ар бир 13 жылдын башында белгилейт. Маселен 25 жашты, анан 37, анан 49, анан 61, анан 73 жашты, андан кийин туулган күндү белгилөө токтотулат. Туулган күнүн белгилей турган адам жаңы кийим кийип, жаңы топчу кадап, айрыкча ушул жылы жыл бою өзүн таза кармап, кокус туулган жылы тоок жылы же мечин жылы менен тушташ келсе, ошол тушташ келген жан-жаныбарды ыйык тутуп, кадырлап өткөнү оң. Анткени адам кайсыл жаныбарга тушташ туулса жүрүм-туруму, кыял-жоругу так ошол жаныбарга окшош болот дешет.
Жыл аттары
Алтайлыктар да байыркы кыргыздардай эле жыл аттарын жан-жаныбарлар аттары менен атап келишкен.
- Чычкан. 2. Уй. 3. Барс. 4. Коён. 5. Уулу (бизче Улуу). 6. Жылан. 7. Ат (бизче Жылкы). 8. Кой. 9. Мечин. 10. Такаа (бизче Тоок). 11. Ийт (бизче Ит). 12. Какай (бизче Доңуз).
Алтайды аралап жүрүп көп эле айыл-кыштактардын жанынан өтүп аттык, бирок биз жактагыдай бейиттер менен мүрзөлөрдү көрө албай койдук. «Колдоруна» крест кармаган христиан көрүстөндөрүнөн көрө бизди алтайлыктардын көрүстөндөрү көбүрөөк кызыктырган эле. Алтайлыктар көзү өткөн адамын кайда жашырарын сураганыбызда бизди коштоп жүргөн район башчысы да, башкалары да «күңк-мыңк» этип, бирдемелерге жооткотуп, оңчулуктуу жооп бербей коюшту. Ушундан улам түндүк элдери өлгөн кишинин сөөгүн карагай-чердин түбүн оюп жиберип жашырып салат деген имиш чын окшобойбу деп шекший баштадык.
Алтайлыктар өлгөн адамды бошогон киши дешет. Сөөктү жайына аларда анын бети-башын, колун жууп, чачын тарайт. Анан кийимин кийгизип, кийизге ороп, өлүктүн башын Күнбатыш, бутун Күнчыгыш каратып жаткырып, колун сундуруп башына үзөңгүсүз ээр жаздап коёт.
Өлгөн кишинин аты болсо аны соёт, союп этин айылапага таратып же сатып жиберет. Кийим-кечесин да ошентет. Өлүк менен маркумдун тамеки канжасын, баштыгын, чай менен сынык чай чынысын кошо көмөт. Бычагын көмүүгө болбойт.
Сөөк 3 күн кармалат. Үч күн катары менен өлүк чыккан үйдө от өчпөй күйүп турат. Анан Үчүлүгү, Жетилиги, Кыркылыгы, Жылдыгы өткөрүлөт.
Бирден ашык кой союлбайт, аны өлүк узаткан үй эмес, жакындары союп келет.
Алтайдагы уруулар ичинен жылкы сойгон уруу жападан Тодош уруусу. Бирок бир жылкыдан ашыра сойбойт.
Биз айрым каада-салттарды ачыгыраак түшүнүү үчүн
«Жандүйнө экологиясынын мектеби Теңири» (алтайча – «Агару санааны үйрөтүүчү – Теңири») коомдук бирикмесинин мүчөсү Любовь Николаевна Самаковага төмөнкүдөй суроолор менен кайрылдык:
- Эмне үчүн өлгөн адамдын башын Күнбатышты каратып коёсуңар?
- Анткени бошогон киши (өлгөн киши) экинчи Күндүн нурун көрбөшү керек. Ошон үчүн башын Күнбатыш, бутун Күнчыгыш каратып коёбуз.
- Өлүк эмне үчүн үч күнгө чейин кармалат?
- Ушул үч күндүн ичинде маркумдун жаны денесинен ажырайт, жан дененин өлгөнүнө толук ишенүү үчүн үч күн кетет.
- Өлгөн адамдын сөөгү үч күнгө чейин кайда кармалат?
- Үйүндө кармалат.
- Бизде өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кош уп ыйлап-сыктап, эркектер өкүрүп турушат. Силердечи?
- Бизде адам өлгөндө ызы-чуу түшүп ыйлабайт. Кыз-кыркын, ага-туугандары да ыйлабайт, өкүрбөйт. Канчалык ыйлаган сайын, өлүк ошончолук кыйналат деп айтышат, ошон үчүн жаш чыгарышпайт.
- Өлгөн адамга эстелик коюлабы?
- Бизде эстелик койду деген түшүнүк жок.
- Биз алтайлыктардын көрүстөнүн көралбай койдук.
- Бизде бейит, мүрзө дегендер болбойт, болгон да эмес. Адам көп, Алтай жалгыз. Бошогон киши кайра жаралып келиш үчүн жаратылышка сиңип, топуракка айланып кетүүгө тийиш. Адам өзүнүн өлгөнүн Жер үстүндөгү белги аркылуу тирүүлөргө эстетпөөгө тийиш.
- Бизде өлгөн адамдын бейитине барып куран окуп, эскерип турушат, силерде ушул салт барбы?
- Жок. Адам өлдүбү, бүттү. Аны жер алдына берген соң эч ким эстебеши керек, анын каерге коюлганы канчалык тез унутулса, көзү өткөн адамга ошончолук жеңил болот.
- Өлүктө бата, куран окулабы?
- Жок. Ислам дининдеги мындай ырым-жырым бизде болбойт.
- Ичкилик ичилеби?
- Ичкилик ичилчү эмес деп эскеришет кары кишилер. Алтургай байыркы славян элинде да ичкилик деген болбоптур. Сибирлик христиандар да илгери өлгөн адамды жерге берүүдө эч кандай ичимдик ичилбегенин айтышат. Бул илдет бизге «советтик алкоголизм» менен келди. Элдин Теңирге, Кудайга болгон ишенимин талкалап жок кылыш үчүн совет идеологдору атайлап ушуга барса керек деп ойлойм.
- Жыртыш айрылабы?
- Ал эмне?
Любовь Николаевна Самакова анан мага адам өлүгүнө байланышкан мындай бир окуяны айтып берди.
- Новосибрскилик археологдор Алтайдын Кытай менен чектешкен Кош-Агач районунан көрүстөндү казышканда адамдын мумуяланган сөөгү жана алтын мүйүздөр табылган. Сыягы эрди-катын көр казгычтар биерде бирдеме барын күн мурдатан эле изилдеп-билип алышкан окшойт. Сөөк оңой менен алынгыс түбөлүк муз алдында жаткандыгына карабастан алар жырткычтык ыкмаларды колдонушкан. Көрүстөндөгү музду эритип жок кылуу үчүн от жагышып, кайнак суу куюшкан. Акыры тынч жаткан маркумду да жайына койбостон көрдөн казып алышты, бирок мумуяланган сөөк байыркы калыбын бузуп, таанылгыс болуп карарып кеткен.
Ошондой болсо дагы, канча кылым мурдагы өлгөн адамдын кийимдери күнү бүгүнкүдөй сакталганы жана денесинде татиуровкалар бары окумуштууларды айраназар калтырат. Татиуровкалар кудум Алтайдагы аска таштардын бетиндеги сүрөттөрдүн коёндой окшош көчүрмөсү болуп чыкты. Болгондо да мүйүздүү бугулардын элеси чегилиптир.
- Сөөктү эмне кылышты анан?
Сөөктү алып алышып бүт дүйнөнү кыдырып чыгышты. Бирок ага дейре Москвадагы кадимки Ленин жаткан мавзолейге алпарышып, бузула түшкөн мумуя-сөөктү ирээтке келтиришти. Анан Европанын мен деген илимизилдөө институттары азиаттын сөөгүн европалык кылалбай далбастап атып, акыры алтайлык адам деп моюнга алууга аргасыз болушту. Сөөк жыйырма жаштагы аялга таандык экен. Алтайлык аксакалдар, жайсаңдар (улгайган адамдардын коому) төбө чачты тик тургузган мындай вандализмди катуу айыпташты. Аңгыча Алтайда катуу жер титирөө болуп өттү. Эмнегедир жаш балдар арасында өз жанын өзү кыйгандар көбөйүп кетти. Карыялар мына ушул кесепеттердин баарын тынч жаткан сөөктү көрдөн казып алган окуя менен байланыштырышууда. Азыркы күндө Новосибирскинин музейинде турган сөөктү кайра Кош-Агачка апкелип коюу керек деген талап күчөөдө. Алтайдын каада-салтында жайына берилген адамды көрдөн казып алуу деген үч уктаса түшкө кирбеген нерсе. Бул деген жамандык катары бааланат. Биздин Теңирчилик кыймылынын мүчөлөрү элдин эзелтен берки үрп-адатын, салт-санаасын тебелеп-тепсеген бул өңдүү илимий алыпсатарлыкка таптакыр каршыбыз.
Алкышты алар ири алды менен Алтайдын өзүнө, тагыраак айтсак анын ээси эсептелген – Курбустан Бурканга, Курбустан Буркан дегени – Көк Теңирге багышташат. Алкыш айтарда сөзсүз кой союлат. Күн Чыгыш тарапка от жагылат, Күн Батыш тарапка ак шырдак салып, анын бетине сүт куюлган көнөк-табактар коюлат.
Күндүү – Айлуу көк асман, Күндүн ээси Көк Теңир.
Айлуу-нурдуу ак аяз,
Алтай ээси Көк Теңир! –
деп башталат алкыш ыры.
Алтын жүгөн катсын деп Атты аяган Көк Теңир. Ак жарыкты көрсүн деп, Бизди аяган Көк Теңир. Күмүш жүгөн катсын деп, Күлүк берген Көк Теңир. Күн жарыкта жүрсүн деп Бизди берген Көк Теңир.
Мөш агаш – кедр карагайынын алтайча аталышы.
Мөш агашты жакалай Мал аяган Көк Теңир.
Мөңгү гүлдүү Алтайга Бизди аяган Көк Теңир.
Арча жыгач жакалай Мал аяган Көк Теңир.
Алтын гүлдүү Алтайга Бизди аяган Көк Теңир, –
деп узакка уланып кете берет.
Алтайдан кийин эле От-Энени алкашат. Анан Айды, Күндү, Жерди, Сууну, Ташты, Чөптү… айтор, табияттагы бардык нерселердин ээсине айтылуучу алкыштары бар.
Мисалы:
Бай сабааны туттурган, Байгер журтту журттаткан.
Улуу сабаа туттурган,
Узун желе буулаткан Ысык күлгө түшүргөн, Киндик кескен От-Энем!
Үч-Курбусиан жеринен, Үстүңкү өрөөн төрүнөн Сурап алган От-Энем! Ак-Кубарга апкелип, Асырап алган От-Энем!
Күкүрт-таштын башынан Күркүрөп күйгөн От-Эне! Күн аяздын жеринен Күбүнүп күйгөн От-Эне!
Төрдүн башы төшөк күл, Анын байын байлайлык. Төрттөн эки Ак Буркан Анын жагын жайлайлык.
Оттун башы обоо – күл, Анын байын байлайлык. Отуз эки Ак Буркан
Анын жайын жайлайлык.
Алтайда жогоруда айткандай «от ээси», «үй ээси», «суу ээси», «тоо ээси», «көл ээси» болуп кете берет. Эл оозунда суу ээсин – кыз бала түспөлүндө, айрым жерлеринде карыган кемпир түспөлүндө элестешет. Бир уламышта арашан суунун ээси (Алтайда «аржан суу» дешет) кыз буту сынган аңчыны эмдеп айыктырат, анын жакшылыгын кантип кайтарарын билбей турган аңчыга, кыз адам адамга жакшылык кылганда кандай алкыш айтылуу керектигин үйрөтөт. Аңчы аны бүт айылга айтып чыгат. Ошондон тартып ооздон оозго тарайт. Маселен:
Тарак болгон чачтуу, Таспа болгон сындуу.
Аюу жатпас арчалар, Бөрү жетпес бөлчөктөр.
Колтугуна кондурган, Коюнуна жаткырган.
Этегине мал турган, Эшигине журт турган.
Отуз баштуу От-Эне, Кырк бир баштуу Кыз-Эне!
Кирпиктүүнү таяган, Киндиктүүнү аяган.
Тоңгон болсо эриткен,
Чийки болсо бышырган.
Алтай элинин өтө ыйык көргөн тоосу – үч Сүмөр. Жапондор Фудзиямасын кандай туу тутса алтайлыктар ак мөңгүлүү үч Сүмөрүн андан кем ардактабайт. Ага күн сайын табынып, аны күн сайын алкап турушат.
Тал жакалуу талаалар, Таш жакалуу тайгалар Алтын чачтуу үч Сүмөр. Таалайыма келегөр, Тайгадан ашуу берегөр.
Алтын баштуу үч Сүмөр, Атам болуп агарттың,
Энем болуп эмиздиң, – дейт.
Бу дүйнөдө кайырчы болуп калгандан өткөн кордук жок. Бир адамдын кайырчылыгы, эки адамдын кайырчылыгы, балким, эчтеке эместир. Кудай, бүтүндөй журтту, караламан калкты кайырчы кылгандан сактасын! Алтай элинин «Алтайга алкышында» мына ушул тилек айтылат. Мында элдин ары да, аруу тилеги да, намысы да жалыныпжалбырттап турат. Бул ыр бүгүн өткөн менен кеткендин ашташын табалбай жаткан бизге айрыкча тиешелүүдөй сезилет.
Аягымды сундуруп, Ат суратпа Алтайым.
Алаканым сундуруп,
Аш суратпа Алтайым! –
деген экен, атаганат!
Алас, алас, алас, алас!
Ак-Буркандан от алас!
Айлуу-Күндүү Теңирим!
Жыгач-таштуу Алтайым! Сарсанаага салбагын, Санаалууга бербегин. Тартышканга салбагын, Талашканга бербегин. Кийимиңе кир жукпасын, Кирпигиңе чаң тийбесин. Белесте атың үркпөсүн, Бешикте балаң коркпосун. Айылыңда кырсык болбосун Аякта чайың соолбосун!
Алты эшиктүү Абаган.
Үч эшиктүү Үжебе! Аятын баштуу Ата Жер, Эмчек баштуу Эне Жер. Амандыкты улап тур, Эсендикти сурап тур!
Оп куруй!
Оп куруй!
Оп куруй!
* * *
Жаңы төрөлгөн баланы Ай жаңырганча бешикке салбайт. Баланын киндиги түшүп айыкканча бирдеме сурап келген кишилерге үйдөн эч нерсе берүүгө болбойт. Балдардын колдоочусу, коргоочусу – Умай эне. Алтайлыктар Умай энени ак саргыл чырайлуу, ак саргыл чачтуу ак кийимчен аялзат түспөлүндө элестешет. Боюнда бар келиндер толготкондо Умай эне жардамга келет. Наристе ыйлаганда Умай эне анын кирпиктерин жөлөп, жашын алаканы менен аарчып турат дешет. Умай энеге арналган көп алкыштын бири мындай.
Кырк кыздын ичинде Кыздан аруу Умай эне. Отуз кыздын ичинде Оттон аруу Умай эне.
Ай Теңирден түшкөндө Айнур менен бир түшкөн. Күн Теңирден түшкөндө Күн нур менен бир түшкөн.
Ак баканды байлап түшкөн, Ак түркүктү кармап түшкөн. Көрбөөчүнү көрсөтпөгүн, Үркпөөчүнү үркүтпөгүн.
* * *
Алтайда кудалашуу салты мындайча болот. Эгер кызды «ала качып» алса, кыз алган тарап кыздын атаэнесине кулдук уруп түшөт. Кудалар сүт куюлган челек, арча, анан эндей кездеме менен келет. Сүттүү челек кыз энесине тартууланат. Муну сүт акысы деп коёт. Кайын энеси келинин сүт акымдан кутулттуң деп алкаса, кыз энеси кудалары тартуу кылгандардын арзан-кымбатына карабай кубанууга тийиш. Себеп дегенде сүт акысы үчүн деп кудалары апкелген тартууларды албай койсо эмчек сүттүн каргышына калат деген ишеним бар.
Кулдук уруп келген тарап мындан тышкары кыз энесине сүт акысы үчүн деп саан уй же бээ, эгер мындай бодо малы болбосо түлкүнүн терисин беребиз деп убада берип кайтышат. Эндей кездеме эки бүлөнүн туугандашуусунун, эки баланын ырыс-кешигинин белгиси катары – Үйдүн төрүнө илинет.
Куда тарап менен кошо келген ырчы кыздын атаэнесине кудаларынын ой-тилегин, келген максатын ыр менен билдирет:
- Кызыл кырдын кырынан,Кыргый түштү жем сурап.
Кызыл тажуур кылтылдап,
Кудалар түштү жооп сурап, –
дегенден соң кыз берген тараптан тили чечен бирөө чыгып, минтип алкыш айтат:
- Төрт жыгачы ашташсаАйыл болор. Төрт киши машташса Куда болор. Эки таш чагышса От тутанар. Эки бала табышса Журт куралар.
Кыр бийиги жолдун тагасы, Кыз бала жондун баласы.
Мына ушул ырым-жырым бүткөн соң той шааниси башталат. Кыз алган тарап ала келген баштыгын чечет. Аны той башталардан бир күн мурда, алыс жер болсо эки күн мурда эки же төрт киши жеткизип келүүгө тийиш. Баштык ичине: бир кулач жөргөм жана башка белек-бечкектер салынат. Мындан тышкары бир челек сүт, экинчи бир челекте сүттөн тартылган арак тартууланат. Ушул маалда кожондор (алтайлыктар алкыш айтуучуларды ушинтип аташат) кыз энесин, атасын, таяке, эже, сиңдилерин мактап, алкап турат.
Башы тармал тайгага,
Мал кыштаткан биз болдук.
Барк баалаган кудалар, Бала алышкан биз болдук.
Тогуз айры малынан Токтусун берген кудагый. Тогуз айры канаттуу Баласын берген кудагый.
Алты айгырлуу малынан, Артыгын берген кудагый.
Аруу бала кызынан
Алтынын берген кудагый, – дейт.
Кыз себин жеткизип келгендер босогодон аттай электе сүт чачып, чеген (алтайдын чалапка окшош кычкыл суусундугу) ооз тийгизишет. Анан көшөгө көрсөтүү каадасына чакырат. Ак торкодон же аксаргыл түс кездемеден жасалган көшөгөнүн төрт бурчуна тагылган кооз чачыктар жерге тийип турат. Көшөгө күйөө баланын жээндери тандап жүрүп кыйып келген кайыңга байланат. Күйөө бала менен колуктунун жээндери көшөгөнү эки жагынан тартып турат, жаш келинди эки жеңеси эки тарабынан колтуктап, көшөгөнү беттеп басып, алардын соңунан калган жакындары ээрчийт. Ал арада:
Ак ала торко көшөгө, Алтайыма келгенсиң.
Жаңы үйлөнгөн балдардын Жанында бешик термелсин.
Кебезден торко көшөгө, Кең Алтайга келгенсиң. Береке толуп бул үйгө Бешикте бала термелсин.
Тарай тартар көшөгө Тартылсын эми учугу. Теңирден келген жаш келин Термелип кирер учуру.
Кере тартар көшөгө Керилсин эми учугу.
Кудайдан келген жаш келин
Куунап кирер учуру, –
деп алкыш-быян айтылып турат.
Анан жеңе келинди Күндү карата үч ирет жүгүндүрүп туруп үйгө алып киришет. Эки жеңеси эки жанынан орун алып чачын жазып, тарай баштайт. Кайрадан алкыш айтылат.
Белиндеги беш чачык
Ачып коёр кез келди. Бештен өргөн чачтарын Жазып коёр кез келди.
Аркасында алты боо, Ачып коёр кез келди. Алтыдан өргөн чачтарын Жазып коёр кез келди.
Анан келиндин жеңелери эки өрүм кылып өргөн чачтын учтарын кайненеси келип бириктире байлап, келининин башына бөрк кийгизет. Күйөө баланын атасы минтип алкыш айтат.
Таш очогуң бек болсун, Талкан куурсаң ысык болсун. Коктуң толо мал болсун,
Койнуң толо бала болсун.
Алкыш бүтөрү менен келин отко ак чачат. От дуулдап күйсө журт ырыстуу болот дегендин белгиси. Анан От энеге алкыш айтылат.
Отурган орду чоктуу болсун, От жаккан колу эптүү болсун. Алтын очок бузулбасын,
Аскан казан бөксөрбөсүн.
Ээлүү журт эңшейбесин, Эрлүү мал азайбасын.
Айдаганы мал болсун, Асырары бала болсун, –
дешет. Анан той шаан-шөкөтү түн агарганча уланат.
* * *
Бала төрөлгөндө айтылчу алкыш:
Теңирдин тербисинен,
Алтайдын мөңгүсүнөн Алкыш-быян айтып келген Ааламы эл элек. Кудайым жок деп кумсарба Курбустан бар.
Алкаарым жок деп аңкайба Алтайың бар. Эки эмчегин эмизген Энеңиз бар. Эне – Алтайдай Эгеңиз бар.
Боюнда бар аялдын толгоосу катуу болуп кыйналгандагы алас-алас ыры:
Алас-алас Ак Буркан, Алты сайлуу ак арча, Ак аязга жараган! Сегиз сайлуу көк арча Көк аязга жараган!
Ак Теңир бала берсин, Албас жолун жок берсин. Көк Теңир бала берсин Көрбөс жолун жок берсин. Кирпигинен жаш акпасын, Киндигинен кан акпасын!
Бала торолуп, кас-кас туруп калганда айтылар алкыш:
Туруп бас, Туруп жүгүр.
Кас тур, кас тур бу бала, Каз баласын кубала. Улам-улам жүгүрүп, Уй баласын кубала. Аркан ала жүгүрүп, Ат баласын кубала. Күлүк бол, Чыйрак бол. Чымыр бол, Кайрак бол.
Коёндой ак бол, Койдой семиз бол.
Сагызгандай сак бол, Жумурткадай ак бол. Туткан колуң бекем болсун, Сунган бутуң эсен болсун. Аткан огуң жерге түшпөсүн, Айбатыңа душман түтпөсүн. Колтугуңда элиң болсун,
Конушуңда жериң болсун!
Даярдаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
НУРМОЛДО
ЫРЛАР
I бап. ДАВАНГА
Көгүчкөн учпай дубалдан Көккашка миндим даванга.
Көп алыс кетип калды деп Көңүлүң бурба жаманга.
Сагызган учпай дубалдан
Саркашка миндим даванга.
Сапары узак болду деп,
Санааны бурба жаманга.
Алтын да таш, таш да таш
Алтындай болбойт башка таш,
Алыска кетпей кошулса,
Ардакташкан жашка жаш.
Күмүш да таш, таш да таш Күмүштөй болбойт башка таш.
Күдөрүн үзбөй кошулса, Күтүшүп жүргөн жашка жаш.
Жайлоонун башы жашыл таш Жашыл көйнөк, узун чач.
Жаныңы кыйнай бербегин Жыргалың келер – башың жаш.
Кыштоонун башы кызыл таш Кызыл көйнөк, узун чач.
Көп эле ыйлай бербегин, Көрөсүң көптү башың жаш.
Айлынын үстү кең колот Аралай басып эл конот.
Ардакташуу, сыйлашуу Ар бир жаштан тең болот.
Элиңин үстү кең колот, Эртелеп жазда эл конот.
Эркелешүү, сыйлашуу Эки жаштан тең болот.
Каратөр жайлайт элибиз
Кат тындырбай бериңиз. Кайрат болот канчалык
Кадырлап жазган кебиңиз.
Сарытөр жайлайт элибиз
Сөз тындырбай бериңиз, Сүйөк болот ошончо сырдап жазган кебиңиз.
* * *
Кара суу жакшы жутканга, Билегиң ичке тутканга.
Табигат кошуп койсочу Кол кармашып учканга.
Белин бир назик кысканга Болбосун геп-сөз бушманга.
Алтыным сени күтөмүн, Азгырылба душманга.
Алайды туман айлаган Айнектей көзүң жайнаган.
Алаамат көзүң мен көрүп, Арашан ичим кайнаган.
Бозбуну туман айлаган Ботодой көзүң жайнаган.
Бозоргон көзүн мен көрүп, Бозодой ичим кайнаган.
Самсаалаган саамайың Саржоолук менен жабайын.
Сабылып турган көзүңөн Садага кетип калайын.
Буралган булгун саамайың булангыр менен жабайын.
Балбылдаган көзүңүн Балакетин алайын.
ЖИГИТКЕ КЫЛДЫҢ ТАМАША
Жашыл күрмө, ак күрмө Жароокер курбум жан бирге.
Жакшына уйку табылар Жалкоолук кылба бул күндө.
Кызыл күрмө, ак күрмө Кызыкташ курбум жан бирге.
Кызык бир уйку табылар Кыйыктык кылба бул күндө.
Кара кыя, Кум белден Капталдай агып суу келген.
Каранып сендей таппадым, Кадыры ашык бул элден.
Кызыл кыя, Кум белден Кыялай агып суу келген.
Кыдырып сендей таппадым, Кыялы артык бул элден.
Алмалуу булак ала арча Алмасы бышат жанаша.
Алмасы менен бир коюп Адамга кылдың тамаша.
Жийделүү булак ала арча Жийдеси бышат жанаша.
Жийдеси менен бир коюп, Жигитке кылдың тамаша.
* * *
Кыдырып жүрүп жеримен Кабарлап калың элимен.
Геп кылган кепшей бербейби Керемет сүйөм сени мен.
Аралап жүрүп элимен, Арзыдым сага эми мен.
Айткан эл айта бербейби Артыкча сүйөм сени мен.
Сеңселген жалдуу аргымак Сызыла чуркап желден оз.
Сапарга кетип барамын Сүйгөнүм сулуу кайыр кош!
II бап
* * *
Бул жалганчы дүйнөдө Өлбөйт эмес – өлөбүз.
Акыры башта бир нокто Ажал келсе көнөбүз.
Кам сүт эмген пендебиз Ак турпак биздин денебиз.
Ажал жетип күн бүтсө Акыретке барабыз.
Алты кетмен турпакка Аралашып калабыз.
Каза жетип күн бүтсө Увазим тартат касалиң.
Ашык атпайт пандазат, Чай менен ичкен асалиң.
Кең көкүрөк зар карып Каза жетип күн бүтсө Ыраңың калат саргарып.
Арык менен суу кетет,
Адамзат өлгөн соң
Алты карыш бөз менен Асыл таниң бир кетет.
Аппак бөздү кийгизип,
Астанага барганда
Аяк-башың тийгизип,
Ата-энеңди күйгүзүп, Акыретин билгизип Айваналуу казанак Оюп коёт бир күнү.
Аяктай гөргө киргизип, Коюп коёт бир күнү. Бир сыгымдан топурак Чачып коёт бир күнү.
Шапалактай жүзүңү Ачып коёт бир күнү. Кутулуп кетет кууганың, «Кубатым» – дейт тууганың.
Безилдеп ыйлайт алганың, «Медерим» – дейт балдарың.
Желпинип ыйлайт алганың, Жетим калат балдарың.
Заарканып ыйлайт алганың, Сагыр калат балдарың.
* * *
Бул жалганчы шум дүйнө Кимге бапаа кылгансың?
Азезил шайтан тааныбайт Ааламды курган Алласың!
Менменсинген эренди Жер койнуна алгансың.
Адам тани турпактан Султан кылган Алласың.
Балапан учса шак калат,
Бизден мурун – илгери Пайгамбар өткөн, ким калат?
Сагызган учса шак калат, Бизден мурун – илгери Чарыйар өткөн, ким калат?
Булбулдар учса шак калат,
Бизден мурун – илгери Мустафа өткөн, ким калат?
Мурунтан Шайтан – бул душман, Карчыга сайрап көккө учкан,
Кадимтен Шайтан – бул душман!
САНАТ
Адалдыгы адамдын
Аузибиллахиминаш шайтан Ирражимден ашталар.
Бу дүнүйө, о дүйнө Бисмилладан башталар.
Ой өрүшү ак болгой Осмо кетер, каш калар.
Оор күнөй сап болгой Оомат кетер, баш калар.
Бар ишиңиз так болгой,
Бетеге кетер, бел калар,
Байыртадан бейакыл
Бектер кетер, эл калар. Кайыл болгой кажынып Көпкөндөрдү сел алар.
Акылсыздын турку пыр,
Ашынгандар кырылып Күнөөсүздөр соо калар.
Байкаң жана не калар?
Бирлиги зор калк калар. Арналган адам оглуга Акылмандык даңк калар. Уркуларын улаган Улама жазган кат калар.
Иш ириткен чуулары Ичи кара куулары Бардыгынан как калар!
Хандар кетер, так калар, Багбан тиккен бак калар. Арам ишке жүрбөгөн Адилеттүү сак калар. Кара ниет кагылар, Көңүл пейли ак калар.
Кыямат кайым болгондо Күнөйүң менен сообуң, Таразада такталар.
Акылсыздар эсирер
Алакөөдөн сетирер.
Асыл киши ар дайым Күнөй иштен чет жүрөр. Жамандардын белгиси Жаатташып кек түйөр.
Айылын араздаштырып, Абийирин күлдөй сапырып, Ынтымагын кетирер.
Оор күнөй кылагай Осмолору кургабай, Ооматы менен баш кетер.
Бетегеси оттолбой Бектери калбай жаш кетер.
Сыйынгандар азайып, Дин кайыры болбосо, Тооп кылып турбаса, Оозго жетпей аш кетер.
Колдоп турса пайгамбар Конодо күлүк байге алар.
Баш болуучу жигиттер Бала кезде байкалар.
Ашык жүккө майышып Аттын бели кайкалар. Д
асмаясын[1] түгөлдөп, Дос көңүлүн үгөлдөп[2] Соодагерлер пайда алар.
Кыйба чырпык нооданы, Калыс жүргүз сооданы.
Күтөр сени ошондо Ар бир дуван ооданы.
Арсыздарча чыр кылба Салба башка кооганы.
Улуктарды «сен» дебе Меймандаса тандаба
Катыктуу аш, жовганбы.[3]
Эл керегин апкелер Эпчил, изги соодагер.
Каракчыбы? Байкачы Сен кошулган кербендер? Жаман киши оолугуп, Жайсыз жерде дердеңдер.
Жарым ырыс, жакшы сөз Элет жакта пул го бөз, Өтө кымбат бербеңер!
Нысап кылсаң байыйсың Ач көздөнсөң тайыйсың. Чектен чыксаң – челишер Дайыны жок кайыйсың.
Калыс сөздү тандасаң Көрүп үзүр – жарыйсың.
Адамгерлик шартнааме Аксымданып аттаба Ана ошондо кайылсың.
Ыймансыздар – серпутур Бузулган элди жер жутур.
Башчысы бап келген соң Башкалар бүт бел тутур.
Бузукусу көптөрү Баш-аягы кыйсыпыр.
Жакшылыкка баштагай, Жамандыкты таштагай Оомийин облоовакипар!
[1] Дасмая – соодада жүгүртүлүүчү пул же товар.
[2] Үгөлдөп – жайгарып.
[3] Жовганаш – катыксыз аш.
ОЙЛОНЧУ
Ырдын башы бисмилла Ыкылас ырдаш ышкыңда.
Ырая кылса көпчүлүк Ыкрар болчу биз мында.
Новруздан салам жаңырып Көгөрөрүн ойлончу.
Шахар калкы уз экен Көп өнөрүн ойлончу.
Коноктор дайым көңүлдү Чөгөрөрүн ойлончу.
Тоолор бийик, чөлдөр пас, Төгөрөгүн ойлончу.
Дарак менен бактардын Мөмөлөрүн ойлончу.
Дан болбосо кишилер Өзөрөрүн ойлончу.
Иш сүйбөгөн жалкоолор Тез өлөрүн ойлончу.
Жаз, жай, кыш, күз бу дүйнө. Өзгөрөрүн ойлончу.
Суу башаты тамчыдан
Башталарын ойлончу,
Бир ургаачы, бир эркек
Башкаларын ойлончу… Тегирменге ташчылар Таш жарарын ойлончу.
Бир-бирине тилдүүлөр Геп саларын ойлончу. Жакшылар эске акылды Бап саларын ойлончу.
Жамандар орой, көңүлгө Дак[1] саларын ойлончу.
Ай-ааламды бир Эгем Башкарарын ойлончу.
Патасыз киши жарыбайт Патагөйдүн багы бар. Орозо өмүр узартат Оомийин оллоохвакибар.
БОЛБОСО
Ниме жакшы, не жаман?
Эгем, элим сынасын. Колмо-кол болуп жүрүмүн Колдоп мени Расул. Оор иши оңойлойт Акени үке жолдосо. Жүгөнү жок ат окшойт Тыйылары болбосо. Сооп болот өмүргө Бузулган ишти оңдосо. Жакшыларды жандагын, Башыңа бакыт конбосо. Асти бир киши жарыбайт Сыйынары болбосо. Аңкыйт жыты буркурап Гүл тамыры солбосо. Чынардай өсөр чырпыгың Кабыгын бирөө жонбосо. Керекке жарар акыры Кемпай мал кажып койбосо. Узак жашар кишилер Түбөлүгүн ойлосо. Каржалбай жооп изденип Өнөрлүү жолун жолдосо. Билим алып, кат таанып Билик болсо молдочо. Тапканың кайра чачылар Жыйынарың болбосо.
Абийириң ачылар
Кыйын арың болбосо. Бузулар, алкың ачылар Сыйынарың болбосо.
Сыйынарың бир Аллах Тыйыларың Пайгамбар. Ойдогуну оңдосун Оомийин оллоохакибар!
ӨНӨРҮН ҮЙРӨН
Иштин башы бисмилла Ишеним менен кыймылда. Илгертен билген бабалар Илгерилетер сый мында. Бир үрөндөн кырк эсе Барктай билсең дан өнөт. Бир тамырдан кырк майса Барпайып чөптөр көбөйөт. Ынтымактуу болушса Ырашкер эл көп өнөт. Ыркыңы бузса гөрковлор Ыдыратат төбөлөп.
Түркүк ата[2] төрт оглу
Түнөргөн колду дебейлеп
Ашынып барып арапты
Ашырып чапты сүбөөлөп,
Алашынын алты оглу
Алкынган колду девейлеп Андан нары асылды Артынан окту себелеп.
Жылдар жылып Искендер Түркүктү[3] келди тебелеп.
Арага түшүп жакшылар,
Асырап элди өбөлөп,
Жаалин сурап алышты, Жамандарды жемелеп.
Ачуусун сурап алышты, Ашык сый билан эмелеп.
Алашыңын алты оглу
Арага кирип эбелеп, Араң басты жакшылар Алкынтпастан жемелеп. Азиретаали баш болуп Аларды басты эгелеп. Келме кезек дүнүйө Келеди бир күн кемелеп. Ор бир кезде Чынгышхан Оурузду[4] жебелеп.
Аябастан сындырды Тынч жатканда кемелеп. Оруксунтту далайын Орошон жерин тебелеп. Ордосуну майкандап
Оттуу окту себелеп… … Ондогу кегин кубалап Оуруз келди тебелеп.
Таш аласың – таш урсаң Аш аласың аш берсең. Көзүңдүн жашы көл болор Жаш аласың жаш берсең. Гыш берсең – гышын аларсың Ыш берсең ышын аларсың. Найзаласаң башканы Балакетке каларсың.
Азап берсең кимгедир Акисин[5] тартып каларсың.
Башың кетип довуна Балдарың тартар чаласын. Кусуруң өтсө кас келип Күбөлөп коёр жалаасын. Андан гөрө соода кыл Табарга табар аласың. Ырая кылсаң жүгүнүп Ыракатка канасың. Парпирек болуп издегей Пайда чыгар канаасын.
Тегирменге келгенден Тегирменге бергендей Төлөп тургай каласын[6]… … Тынчыбасаң темтеңдеп Ихражга ихраж[7] аласың. Оуруз менен жоолашпай Не дейди, билчи самаасын? Аларын алсын бошоткун, Берип, тын Париканасын! Кезеги келер эсендин Бошотуп кийин аласың! Аарасат эл кырылып Тартпасын кафир жалаасын. Өнөрүн толук үйрөнгөй Өрмөгүң токуп аласың! Аллага маккам сыйынгай Ал эсептеп санаасин … Айтыш керак кафирге: Түшсүн Кудай жолуга. Антпесе булар акыры Күйөр тозок отуна.
Овматты күткөй овлукбай Ойлонсун, инсан акы бар. Овлугуп ихраж болбосун Оомийин оллоохакибар!
[1] Дак – так.
[2] Түркүк ата – Түрк ата, бою түркүктөй узун, алп болгон экен деген уламыш бар.
[3] Түркүк – Түрк атанын балдары деген мааниде.
[4] Оуруз – орус.
[5] Акис – кежир.
[6] Каласын – акысын.
[7] Ихраж – өч.
III бап
- * *
Каргалардын арасында Шумкар карып. Качырлардын арасында Тулпар карып. Калыстыкка чыкпасаң Кусур урат. Кор кылбастан асылды Куткар барып.
- * *
Аламан болгуча Акылдуу бол. Күлөгөн болгуча Көсөм бол.
- * *
Төрөлгөн жериң Өзүңө мисир. Тууган элиңи багып Жедирип-ичир.
- * *
Көтөрмө жесең Көтөрүм болосуң. Көп алсаң Көрүнбөй жоголосуң.
- * *Кас карыз берсе Калааңды алат. Калкыңы кырып Калайман салат.
- * *
Кас карызын доолайт, Калкыңа жоолайт.
- * *
Карызга батканың Калааңы сатканың. Калкыңы атканың Күм-жам болуп жатканың.
- * *
Калкыңа жатты аралатканың Келе жагыңы жаралатканың. Ушуну унутканың Укум-тукумуңу курутканың.
- * *
Акылдын кенчи – «Манаста» Андагы каска жанашпа. Ага жанашканың, Акылдан адашканың.
- * *
Дос таарынса – бергенин алат, Кас таарынса жергеңи чабат.
- * *
Досуң өз жеринде жашасын, Чекпегин берген нашаасын. Мунусу кастыктын белгиси Өз гөрүңү өзүң казасың.
- * *
Адам болсоң ак жүр, Алыш-беришке так жүр.
- * *
Жериңи сатканың Элиңи сатканың.
Келечегиңи атканың.
- * *
Кумурска деле күжүрмөн
Акылы жогунан тепселет.
Ач калган түлкү Уюгун казып жеп келет.
- * *
Достук – алакага жаралат, Тамыңы талашпайт каралап. Ашыналык алыш-беришке жаралат, Ата Журтуңу талашпайт каралап.
- * *
Көтөрмө берген
Мейли болсун досуң, Мейли боордошуң, Мөөнөтүндө төлөшүң керек.
Бербегендин уулу – кул, Кызы – күң, Катыны – тул.
- * *
Өгөйдүн өзү күйбөй – сөөгү күйбөйт, Өзү сүйсө да жүрөгү сүйбөйт, Анысын жетим сезбейби?
Өгөй көкөй кеспейби? Акыры боюм өспөйбү.
- * *
Өгөй – өөнчүл, Жетим – кекчил.
- * *
Кызы жаман «жаш» дейт, Уулу жаман «мас» дейт.
Катыны жаман «пас» дейт. Чындыктан тайсалдайт.
- * *
Сыйлашарга жат жакшы, Ыйлашарга өз жакшы.
- * *
Ооз – уя, Көз – куш.
Унчукпаган – байкуш.
- * *
Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
- * *
Жазында
Арыкты ойлоп чапсаң,
Жайында
Сугатты ойноп өткөрөсүң. Берекесин Кышында көрөсүң.
- * *
Геп – тириликте, Күч – бирдикте.
- * *
Ырыс бербес жер болбойт, Ынтымак болбой эл болбойт. Эмгекчилге жалкоолор Эч убакта тең болбойт.
- * *
Максаты жок аттанба,
Билип албай мактанба.
- * *
Келжирек неме ызылдайт, Кеп чынынан бузулбайт.
- * *Береке – аракетте,
Бакыт – теңдикте.
- * *
Күүлдөгөн күз – күрөш Жадыраган жаз – жарыш.
- * *
Касың жүрөт – тим сынап, Досуң каалайт – ынтымак.
- * *
Күлкү чыгар белгиси
Какшык менен чымчымак, Ырыс алды – ынтымак.
- * *
Эл үмүтүн жер актаар, Жер үмүтүн эр актаар.
- * *
Элге кылган жакшылык Жерден өнөт жакшырып.
- * *Эмгектен эр өсөт, Эгизден төл өсөт.
- * *
Жаз, жайда малың айдап бак, Кыш күрөөдө байлап бак.
- * *
Эмгеги көптүн өнмөгү төп.
- * *
Перзент энеден туулат, Эл үчүн белин буунат.
- * *
Чымчык баксаң – тынар, Чырпык тиксең – чынар. * * *
Жалтаң асканы көчүрбө, Жыланды өлтүрбө.
- * *
Жылан өлгөндө гана түз болот.
- * *
Тал, терек тамырларыңа керек, Бирди кессең – онду тик.
- * *
Жаш келсе жадырашып – ишке, Кары келсе бабырашып – ашка.
- * *
Аракет – ойго, нысап – койго.
Илкиш – тоого, ниет тойго жеткирет.
- * *
Акылман менен учураш, Ниети көккө учурат. Абайласаң: акыл – алтын, Оор-басырык, ой – күмүш.
- * *
Ачууңду акыл жеңет, Асылды мээнет берет.
- * *
Жазда жаркып иштеген Жыл бою ырыс тиштеген.
- * *
Жаманаттыны жогото албайсың кубалап, Ээленсең даңкыңды мээнет чыгарат.
- * *
Адил болсоң – суудай бол, Кирди жууп кетирген.
Бийик болсоң – тоодой бол, Чапкан аттар жетпеген.
- * *
Алаган болгуча – адам бол, Күлөгөн болгуча – күжүрмөн бол.
- * *
Асылсаң нарга асыл, Бутуң жерге тийбесин. Буйласын кармай жыгыл Этиң катуу тийбесин.
- * *
Аары аселге конот, Чымын майга конот.
Кишилердин мөмөсү бала болот, Мөмөлүү дарак ийилчээк, Жерге тиет эмеспи. Мөмөсү жок терек да Элге тийет эмеспи.
- * *
Токоюн кыйса – тоо кулайт, Уларын кырса – зоо кулайт. Кайберени качат, Канаттуусу азат.
Ээн аска кишини басат.
- * *
Акыл аалам кездирет, Өнөр көккө жеткирет.
- * *
Акыл – тозоргон тон,
Илим – түгөнбөгөн кен.
Тон – тиктиргендики, илим – билгендики. * * *
Жакшы – Ай менен Күндөй Баарыга бирдей.
Жаман жуулбаган кирдей.
- * *
Жылуулук – Күндүн көзүндө, Улуулук – даанышман сөзүндө.
- * *
Сен – деген сенек сөз, Сиз – деген сылык сөз.
- * *
Чобурду жакшы баксаң – тулпар, Самаган жерге жеткизет.
Жагалмайды жакшы баксаң – шумкар. Эч болбосо чымчык алып берет.
- * *
Ыркырашса – ынтымак качат, Ызатташса – көңүлдү ачат.
- * *
Көзүң ооруса колуңу тый, Ичиң ооруса тамагыңы тый.
- * *
Ташыркаса күлүктү Басалбайт деп ойлобо.
Жабыркаса жигитти Жакырсың деп кордобо. Күлүккө ал бүтөр, Жигитке мал бүтөр.
- * *
Өңгүл-дөңгүл дүйнө шок,
Бирдик болбой тирлик жок.
- * *
Баатыр бир өлөт, Коркок миң өлөт.
- * *
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, Эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
- * *
Ай караган текече, Бай караган кедейче болбо:
Ай караган теке суукка тоңуптур, Бай караган атчан өлүптүр.
- * *
Адал жүргүн – арам болбо, Сакы болгун – сараң болбо. Бузук ишти биле туруп Түшпөгүлө жаман жолго.
- * *
Жөвчүлүк берер азабың Ат кадырын билбесең. Аччылык берер адебиң, Аш кадырын билбесең.
- * *
Пайданы башыңа кыл, Башыңан артса досуңа кыл.
- * *
Баталуу кул арыбас, Батасыз кул жарыбас.
- * *
Меймандуу үйдө – береке.
- * *
Жаманга айтылган сөз Кулагынын сыртында.
Жакшыга айтылган сөз Жүрөгүнүн бурчунда.
- * *
Киши – киши менен киши, Башкаларда жок Макоонун иши.
- * *
Иштерман – атак тагат, Жаман – наалат алат.
- * *
Боюңдай бой табылса да Оюңдай ой табылбас.
- * *
Геп-гептин камчысы, Жаман – үйдүн тамчысы.
- * *
Атаң карыса күң алдырба, Энең карыса күл алдырба.
- * *
Ач бала менен ток бала Кошулуп бирге ойнобойт.
Ойносо да бирдей ойлобойт.
- * *
Күлүктү дүбүртүнөн айрыйт, Күмүштү күлдөн тааныйт.
Зер кадырын зергер билет, Нар кадырын кербен билет.
- * *
Уну жоктун куну жок,
Уулу жоктун мууну жок.
- * *
Күздүктөн калган Жаз айдайт.
Өрдөк жеген каз байлайт.
- * *
Жигит жоругу журтуна дайын, Кыз кылыгы төркүнгө маалым.
- * *
Геп кутулбайт чеченден, Мээнет кетпейт эсерден. Куу-шумдугуң өтөр дейм Айыкпаган кеселден.
- * *
Жакшы уулдун башына Ырыс менен кенч ойнойт. Жаман уулдун башына Ушак менен геп ойнойт.
- * *
Душманды тууган дебе, Тууганды душман дебе.
- * *
Жакшысы – келин, Жаманы – өлүм.
- * *
Ой ойлосоң кең ойло,
Кең ойлосоң тең ойло.
- * *
Сөзүң өлгүчө, өзүң өл.
- * *
Мал сактагыча, ар сакта.
- * *
Абийир сактап ак жүр Алыш-беришке так жүр.
- * *
Досуң миң болсо да аз, Душманың бир болсо да көп.
- * *
Жакшы болсо катының, Келип турат жакының. Жаман болсо катының, Безип турат жакының.
- * *
Жакшы күнүңдө Душманың дос болот. Жаман күнүңдө Тууганың кас болот.
- * *
Душманды башыңан ашырба, Досуңдан сырыңды жашырба.
- * *
Жалгыз үйдүн тамагы жетсе да, Табагы жетпес. Жыртыгы бүтсө да, Жамагы жетпес.
- * *
Эрдемсинсең Ташыңды чайнайсың. Менменсинсең Башыңды жайлайсың.
- * *
Бирөөгө жамандык салганың Өзүңдү бутуңан чалганың.
- * *
Башыңа түшсө капсалаң
Бу сен үчүн акыр заман, Ошондо билинет жакшы-жаман.
- * *
Март менен коштошпо, Наамарт менен достошпо.
- * *
Бийликке айлакерлер гана келет:
Жеткиче мышыктай мыёолоп,
Иттей шыйпаңдап,
Аттай желет,
Ошон үчүн мансапкорлук делет.
- * *
Өлүмдүн ордун төрөлүш толтурат.
- * *Бакыт – чыгаандардыкы:
Бир жеңден кол, Бир жакадан баш чыгаргандыкы.
- * *
- Бөлтүрүгүн уурдаса Бөрү дагын өч алат.
- * *
- Олжону эпчил алат, Төлөмөрүнө мээнетчил калат.
- * *
Кайгыга катуу алдырган жаман, Кыйын мындан кутулуш аман, Куду ушундан сактан, балам!
- * *
Башкалар жөнүндө чындыкты айталбаганың – Өз күнөөңөн тайсалдаганың.
- * *
Адамкерчиликтен чектелгениң, Элден ажырап жектелгениң.
- * *
- Хандын аты улук, Нандын заты улук.
- * *
- Турмуштун көркү уз менен, Нандын даамы туз менен.
- * *
- Аял жакшы – эр жакшы Алгоолошсо – тең жакшы.
- * *
- Аруу пейил, ак ниет дос болсун, Намыска бек, кыска көк болсун!
А.КАКЕЕВ
НУРМОЛДОНУН ФИЛОСОФИЯЛЫК КӨЗ КАРАШТАРЫ
Философияга адабият, тарых, маданият сыяктуу эле улуттук өзгөчөлүк мүнөздүү. Ошондуктан философия улуттук типтерге, түрлөргө бөлүнөт. Бирок өткөн мезгилдерде, бир гана илимий философия бар деген ураандын астында, анын улуттук түрлөрүнө ойдогудай көңүл бөлүнгөн эмес. Улуттук философиялык ойлорду изилдөө негизинен бири-бирине карама-каршы коюлган эки багытка бөлүү жолу менен жүргүзүлгөн. Алардын биринчисин – идеалисттик, реакциячыл, динчил жана экинчисин – материалисттик, демократиялык, атеисттик агымдар түзгөн. Ошол себептен атактуу ойчулдарыбыздын айрымдары диний, бай-манаптык идеологиянын жактоочусу катарында бааланып, мурастары окурмандарыбыздын кеңири катмарына жетпей келген. Мындай залкар акылмандарыбыздын бири – Нурмолдо.
Ойчул, акын жана агартуучу Нурмолдо 1838-жылы азыркы Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Коштерек айлында туулган.
1920-жылы дүйнөдөн кайткан. Колдо бар маалыматтарга караганда Нурмолдо Кашмирде окуган, кийин Намангандагы Молдо Кыргыз медресесинде мугалим болуп иштеген.
Нурмолдонун философиялык көз караштарына мүнөздөмө берүүдө, биз ойчулдун чыгармаларын көздүн карегиндей сактап, кастарлап, жыйноочу Калмурат Рыскулов чыгарган «Замана» (Жалал-Абад, 1995-ж.), «Молдо Кыргыз медреседеги ырлар» (Алабука, 1997-ж.) аттуу китептерге таянабыз.
Нурмолдонун философиялык көз караштарына түздөн-түз кайрылуудан мурда, атайын белгилей кетүүчү үч жагдай бар. Биздин оюбузча алар, Нурмолдонун чыгармачылыгын гана эмес, жалпы эле кыргыз философиясынын тарыхын изилдөө ишине оң таасирин тийгизери шексиз.
Биринчи жагдай, философиялык өнүгүш. Мыйзам-ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү соңку мезгилде кайрадан жандана баштаган пикирлерге байланыштуу, атап айтканда, Орусия Федерациясынын көрүнүктүү окумуштуу-философтору: П.В. Алексеев, А.В. Панин, В. Кузнецовдор белгилегендей, философия биринчи кезекте интерпретациялоочу, чечмелөөчү, түшүндүрмө берүүчү илим (Караңыз: П.В. Алексеев, А.В. Панин. Философия. МГУ. – М., 1996, 59-бет). Ошондуктан совет заманынан кийинки мезгилдеги философия илиминин башкы максаттарынын бири – мурунку ой-пикирлерге сын көз караш менен кайрылып, жаңыча түшүндүрмөлөрдү, интерпретацияларды берүү.
Демек, дал ушул максаттардын нугунда ойчулдарыбыздын мурастарына жаңыча түшүндүрмө, интерпретация берүү учурдун кечиктирилгис талабы.
Экинчи жагдай, аталган максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сөз, ой эркиндигин камсыз кылган шарттардын эгемендүү Кыргыз мамлекетинде орношуна байланыштуу. Тунгуч Президентибиз А. Акаев: «философиясы жок элдин келечеги болбойт» – деп, баса белгилеп, философия илиминин өнүгүшүнө өзгөчө маани берип, илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүүнүн зарылдыгын негиздеди. Чындыгында, Кыргызстан дүйнөлүк билим, илим, маданият майданына өзүнүн жүзүн чагылдырган тили, адабияты, маданияты, тарыхы, философиялык ойлору менен гана кошула алат. Демек, Нурмолдонун, ошондой эле бардык башка атактуу ойчулдарыбыздын мурастары аталган маселелерди жүзөгө ашыруунун негизги булагын түзөт.
Үчүнчү жагдай, совет мезгилинде жазылган илимий эмгектердеги тигил же бул ойчулга карата айтылган пикирлерге, тыянактарга, саясий бааларга байланыштуу. Мисалы, Б. Аманалиев өзүнүн докторлук диссертациясында Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч жана башка акындардын мурастарына кайрылып, өз мезгилиндеги талаптардын алкагынан чыга албаса да, коммунисттик партиянын документтериндеги бир жактуу кескин айтылган бүтүмдөрдөн четтөөгө умтулуу менен реакциячыл деген түшүнүктүн ордуна консервативдик багыттагы акындар деп жумшартып жазууга аракеттенгендиги белгилүү.
Бүгүнкү күндө Б. Аманалиевдин эмгектеринде жазылган тыянактарды Нурмолдонун ырларындагы Калыгулга, Арстанбекке, Молдо Ниязга, Молдо Кылычка жана башкаларга берилген мүнөздөмөлөр менен салыштырып, жаңыча бүтүмдөрдү чыгаруу актуалдуу мүнөзгө ээ болууда. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Нурмолдонун философиялык көз караштарынын өзгөчөлүктөрүнө түздөн-түз кайрылуу зарыл.
Нурмолдонун философиялык көз караштарына, биринчи кезекте, агартуучулук мүнөздүү. Бул кескин айтылган бүтүмдү, анын өмүрүнүн урунтуктуу учурларын түзгөн – Наманган Молдо Кыргыз медресесинде мугалим болуп иштеген жылдары айкын далилдеп турат. Медресе демекчи, 1996-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында биздин урматтуу Президентибиз А. Акаевге Ташмунун ардактуу профессору деген наамды берүүгө арналган жыйын өткөн. Ошол жыйында Президентибиз медресе деген түшүнүккө токтолуп, өткөн кылымдарда ал жогорку окуу жайлардын ролун аткаргандыгын белгилеген. Чындыгында, медресе десе эле айрымдар жалаң гана диний борбор катарында түшүнүшөт. Ал эми тарыхый акыйкатка келсек, медреседе диний окуулардан тышкары тил, тарых, география, табият таануу сабактары да окутулган. Эгерде иштин жагдайы мындай болбосо, анда атактуу Улугбектин бүгүнкү күндөргө чейин өз маанисин жоготпой келе жаткан астрономиялык жадыбалынын түзүлүшүн, обсерваториясынын курулушун кандайча түшүндүрүүгө болот.
Эгерде биз Президентибиз А. Акаевдин медресе жөнүндөгү айткан ойлорунун өңүтүнөн Нурмолдонун ишмердигине көз чаптырсак, анда анын өз мезгилиндеги бийик маалыматка жеткен агартуучу болгондугун ачык байкайбыз. Нурмолдонун Намангандагы Молдо Кыргыз медресесинде сабак беришинин өзү эле агартуу багытындагы өзгөчө бир тарыхый окуя.
Нурмолдонун өз мезгилинде кадыр-барктуу мугалим болгондугун айкын ырастоочу далилдерди, ага арнап чыгарылган ырлардан да табууга болот. Акынга арналган чыгармалардын ичинен, аны нагыз агартуучу катарында жогору баалаган төрт сапты, эч бир кошумчасыз эле мисалга келтирүүнү чечтик. Ал саптар Жеңижок менен Уста Жолдош уулуна таандык.
Айтылуу Жеңижок: «Илимий жолго жетелеп, тайтайлаткан Нурмолдо» – десе, анда Уста Жолдош уулу: «Нурланып нур чачырап көздөрүнөн, акылы агып турган сөздөрүнөн» – деп уланткан.
Жогоруда айтылган ойлорго таянып, биз Нурмолдо кыргыз агартуучуларынын катарындагы мыйзамдуу өз ордун алышы керек деген пикирибизди сунуш этебиз.
Нурмолдонун философиялык көз караштарына мүнөздөмө бериш үчүн, биз биринчи кезекте анын айрым акындарга берген сын баалары жөнүндө, андан кийин өзү жашаган замандын өзгөчөлүктөрүн ачкан ойлоруна токтолууну туура таптык. Анткени мындай ыкма кыйыр түрдө болсо да, акындын философиялык көз караштарынын негиздерин белгилүү деңгээлде ачууга алып баруучу жол деп ойлойбуз.
Нурмолдонун замандаш акындарына берген баалары, анын кара кылды как жарган калыс болгондугун айгинелеп турат. Ошондой эле анын дагы бир жакшы сапаты өз замандаштарын эч бир жикке бөлбөй карагандыгында. Ал эч качан айрым акындарга окшоп, замандаштарын уругу, уруусу, жери боюнча бөлгөн эмес. Ойчул тигил же бул акынды сындаганда, биринчи кезекте анын чыгармаларынын кыргыз рухунун өнүгүшүнө кошкон салымынын баасын эске алган.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, Нурмолдо Ала-Букада туулуп, Наманганда иштеп жүрсө да, кыргыз рух элитасынын улуу инсандарын, алар кай жерден, кай уруудан болбосун өзгөчө кастарлап, айрымдарын устатым деп эсептеген. Далил иретинде айрым мисалдарды келтирели. Ал Чүйдү жердеген белгилүү манасчы Балыкооздун талантын өзгөчө жогору баалап, мындай деп жазган: «Молдо кыргыз медресе, Мол ышкыга ыраса. Айланып жүрү Манасым Балыкооз ырдаса. Устатыңдын айтканын Улантам ким сураса».
Акыркы сапка караганда Нурмолдо «Манасты» да жакшы билген болуу керек. Антпесе, «улантам ким сура са» – деп кесе айтпас эле. Айтор бул багытта да изденүүлөрдү жүргүзүү ылайык болчудай.
Ал эми кыргыздын Нострадамусу Ысык-Көлдү жердеген Калыгул олуяга берген баасын окуп көрөлү:
«Олуя төкмө Калыгул Өз элинин анык уул.
Келечекти сүйлөсө.
Келе турган санаттыр».
Нурмолдо өзү жазгыч акын болгондуктан, китептери басмадан чыккан замандаштарынын ийгиликтерине өзгөчө кубанган. Буга Нурмолдонун биздин күндөргө чейин жеткен ажайып саптары күбө. Кептин ток этер жерин айтканда, совет мезгилинде И. Арабаевдин, Молдо Кылычтын, О. Сыдыктын басмадан чыккан китептери көптөгөн жылдар бою темир сандыкта жаткан. Аларды таратууга тыюу салынган. Анткени ал китептер, кол жазмалар жөнүндө кеңири сөз болсо, анда совет мезгилинде адабият, маданият тармагында жетишилген ийгилигине доо кетет имиш деген саясий жобо өкүм сүргөн. Бул маселенин бир гана жагы. Экинчи жагы болсо мындан да терең маселеге барып такалат. Анткени маданий мурасты таратууга тыюу салуу эртедир-кечтир түпкү маданий мурастан ажыратууга алып келет. Демек, мындай аракеттер маңкуртташтыруунун негизги жолдорунун бири. Мына ошондуктан адабий, маданий жактан жетишилген ар бир ийгилик жөнүндөгү маалыматтар эч убакта эстен чыгарылбашы керек.
Ал эми Нурмолдо болсо, 1917-жылга чейин эле биздин элдин өкүлдөрү тарабынан китептер жазылган деген ойду сыймыктанып жазып келген. Далил иретинде акындын ыр саптарынан күбө тартып көрөлү.
Нурмолдо таланттуу жазгыч акындарыбыздын бири Молдо Кылычтын «Алгы сөзүн» Ишеналы Арабаев жазган «Кысса и-зилзаласынын» басмадан чыгышына сүйүнүп, кубанычы койнуна батпай мындай дейт:
«Мангулуктун эзели,
Молдо Кылыч казалы,
Китеби чыгып Казандан Калктын түштү назары. Түркияда кеп болуп
Кызып туру базары».
Ал эми Молдо Нияз жөнүндө болсо, акын мындай дейт:
«Мол жазганың канатың, Молдо Нияз санатың.
Мааниди мага дигариң
Мактадым муну жигарым».
Нурмолдо көңүлүнө төп келген чыгарманын автору жөнүндөгү аруу ойлорун ачык айткан акын болгон. Буга анын Арстанбекти: «Акындын арстаны» – деп, айтканы далил болот. Акын өзгөчө бир сыймык менен мындай деген:
«Буйлаш уулу Арстанбек
Бул акындын арстаны деп, Молдо кыргыз медресе
Мударистери айткан кеп».
Нурмолдонун Жеңижок жөнүндөгү саптарынан, өзгөчө бир агалык сезимдин мээрими даана байкалат:
«Ысмыңды койдум – Жеңижок,
Айта берсе сөз жеткис,
Ай-ааламдын чеги жок».
Атаганат, сөз эмес бекен! Көрсө, молдокем илгери эле Жеңижоктун даанышман-акын экендигин так баамдап,
Ж. Жаныбековдун мыкты диссертациясынын башкы идеясын мураска калтырып кеткен экен го, жарыктык.
Нурмолдо акындарга гана эмес залкар комузчуларга да талантына тете баа берген акыйкат сынчы да болгон. Мисалы, Ныязаалыга мындай баа берет:
«Ныязаалы комузчу
Ниет кылып добушту, Ыйлатар күүлөр черткени Ылаажы тапкан чоюшту».
Биз жогоруда белгилегендей Нурмолдонун философиялык көз караштарынын өзгөчөлүктөрүн талдоодо, анын кыргыз рух элитасынын өкүлдөрүнө берген мүнөздөмөлөрү менен бирге, алар жашаган доорго, заманга берген аныктамалары өзгөчө мааниге ээ.
Акыйкат сөздү айтканда, заман маселеси совет мезгилинде кыргыз философиясындагы устаранын мизиндей курч маселе болгон. Анткени Коммунисттик партиянын документтеринде замана агымы реакциячыл багыт катарында аныкталган. Партиялык бул жобону ар бир идеолог, ошондой эле коомдук илимдердин өкүлдөрү кыйшаюусуз жүзөгө ашырууга милдеттендирилген эле.
Замана агымынын негиздөөчүлөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч өздөрү жашаган доорго «акыр заман», «тар заман», «зар заман» деп мүнөздөмө беришкен. Алардын өз заманына берген мүнөздөмөлөрүнөн мүңкүрөө чүлүктүн, асан-кайгычылыктын таасирлерин байкоо анчалык деле кыйын эмес.
Заман маселесине келгенде, Нурмолдо мурунку жана кийинки акындарга салыштырганда өзүнө гана мүнөздүү болгон көз карашты туткан. Анын пикири боюнча адам баласы өзү жашап турган заманды, ал болумушта кандай болсо, дал ошондой кабылдашы керек. Ошондуктан акын мындай деп жазган:
«Тоголото чапкыдай Тобуң эмес замана. Кааласак союп жегидей, Коон эмес замана».
Ошону менен бирге Нурмолдо замандын татаалдыгын, тардыгын, зардыгын эч убакта танган эмес. Бирок ал заман жаман деп кайгы жегенге каршы болгон… Ошол себептен акын мындай деген:
«Заман жаман дегенге, Зарлап кайгы жегенге,
Табыш лаазим бир айла».
Нурмолдонун заман жөнүндөгү саптарынан жашоо үчүн күрөшүүдөн башка арганын, азыркыча айтканда, альтернативанын жоктугун даана байкоого болот. Нурмолдонун пикири боюнча жашоонун негизги жолу – замандын тилин, ыргагын, ачкычын табууда болот:
«Ыргагын таап черте алсаң, Күүң болгой замана. Обонун таап ырдасаң, Үнүң болгой замана».
Заман маселесине кайрылганда, Нурмолдо элдердин ортосундагы өз ара кызматташтыкты, тынчтыкты орнотуу негизги маселе экендигин өзгөчө белгилейт. Ал өз мезгилиндеги эл аралык мамилелердин абалын кылдаттык менен салмакта казак, өзбек, орус элдери менен кыргыздардын ортосундагы карым-катнаштардын жүрүшүнүн багытын туура баамдаган жана «тарыхтан сабак» алууга үндөп, үч тыянакка келген.
Биринчиден, кандай гана эл болбосун өзүнүн тарыхый жолунда жакынкы жана алыскы кошуналары менен достук, тынчтык же тирешүү, араздашуу сыяктуу мамилелерди башынан өткөрөрү мыйзамдуу көрүнүш. Ошондуктан элдердин ортосундагы ынтымактуулукту орнотуш үчүн «эски картты тырмап жулунуудан» сак болуш керек, себеби мындай аракеттер «калкты өлүмгө тукурууга» барабар болот.
Экинчиден, элдердин ортосундагы араздашуулар, согуштар өлүм-житимге, оор жоготууларга гана эмес, айрым мисалы сан жагынан чакан калктардын жер жүзүнөн биротоло жок болуп кетишине да алып келиши ыктымал. Ошондуктан акын мындай деп жазган:
«Ойлончу бир аз токтолуп, Каяшаң тиер ок болуп. Алакандай аз элик, Каласың дароо жок болуп.
Көп элдин чети оюлбайт, Көңүлү турар ток болуп, Саначы өзүң бактыны»..!
Ошону менен бирге Нурмолдо өз элин, жерин сүйгөн улуу патриот болгон. Ал эч бир кысынкырабай: «Жерин коргоп алалбай, жигитпи үйдө жашынган?!» – деп ачык эле жазган. Ал гана түгүл кыргыздардын өздөрүнүн ичинде ыркы келишпестиктин болордугун таамай белгилеп, «Жакынын көрүп жатындай», «душманга сатылган» чыккынчылардын болордугун эстен чыгарбоого үндөгөн.
Үчүнчүдөн, элдердин ортосундагы тынчтыкты, кызматташтыкты, достукту даңазалаган көз карашты медер тутуу өзгөчө зарыл деп эсептеген. Антпесе акыл айткандай:
«Бузулса көз карашың Көңүлгө так саласың.
Бир туугандар – адамзат, Бүтпөй жер-суу талашың. Бириң эрте, бириң кеч, Гөрүстөнгө барасың.
Жүз карашып ошондо, Жаамы тынчып каласың!»
Нурмолдонун пикири боюнча бүткүл адамзаттын түбү бир. Ал Адам ата менен Обо энеден башталат. Нурмолдонун чыгармасында, Адам ата менен Обо эненин бейиштен жерге айдалышынын башкы себеби христиан дининдегилер айткандай алманы жеште эмес, буудайдын данын татканда. Нурмолдо шайтандын азгырыгын мындайча баяндайт:
«Жесең ушул жемиштен, Болгойсуң дейт чынырык.
Татып ушул буудайды, Эске алгын, – дейт Кудайды.
Ал эми Адам ата, Обо эне шайтандын тилине кирип, буудайдын данынан жеп күнөөкөр болушат. Акын бул окуяны мындайча сүрөттөйт:
«Адам ата, Обо эне, Шилекейи чубуруп, Тилип туруп бир кесим, Бөлүп жешти сугунуп.
Калган экен ошондон Буудайдын тырык тилиги».
Нурмолдо көтөргөн бул маселеге кийин Молдо Осмоналы Сыдык да кайрылган. Ал мындай деген «… он беш жылдан бери аңтарып, текшерип, эки жүз миң кыргыздын ата-бабаларын таратып, тээтиги Адам алейсаламга жеткирдим. Биз дагы асылзаттан экенибизди билсин үчүн, он беш жылдык мээнетимди бир саатча көрбөй, калем тыбырата баштадым» (Ала-Тоо, 1989, №3, 113–114-б.б.). Андан ары Осмоналы Сыдык оюн улап, минтип жазат: «Оболку атабыз Адам болуп, азирети Хаво оболку энебиз болуп жер жүзүндөгү адамдар ушул эки заттан таралган».
Нурмолдонун кыргыз элин дүйнөнүн башка элдеринен бөлбөстөн, тетирисинче, аны бирдиктүү адамзат баласынын ажырагыс бир бутагы катарында карашы, анын өз мезгилиндеги гана эмес, бүгүнкү күндөгү гуманисттик ойлоонун зор бийиктигине көтөрүлгөндүгүнүн айкын күбөсү.
Нурмолдонун ой-чабытынын бийиктигин, анын дүйнө картинасын сүрөт-элесин берүүгө чейин көтөрүлө алгандыгы айкындап турат. Тарыхта белгилүү болгондой дүйнөнүн картинасы жөнүндө философиялык, диний жана илимий үч окуу бар. Ойчулдун сунуш эткен картинасын диний көз караштагы окуунун түрүнө кошууга болот. Анын айтымында күн ааламды устунсуз жараткан бир Алла.
Ошондой эле «томсортпостон тоолорду, топукта жашап жүрсүн деп, кыргызды берген бир Алла».
Биз жогоруда Нурмолдонун айрым гана ойлоруна токтолдук. Ал терметкен ойлор кыргыз рухунун, анын ичинде кыргыз философиясынын соолубас булагы, асыл мурасы. Аларды кеңири жана терең изилдөө алдыдагы улуу иштердин бири. Акылмандын чыгармачылыгы жөнүндөгү олуттуу пикирлер келечекте айтылар деген чоң үмүттөбүз.
МОЛДО АШУР
АЗИРЕТИ ЭШЕН ПИРИБИЗ
(Дастан)
Кудайды жат айтамын «Ээ, Карим» деп, Ки «Бисмиллахиррахмааниррахим» деп.
Акыл ойлоп кулак сал, аты-жөнүн айтайын.
Ак Мустафа Мухаммад пайгамбарым
Ауфы кылгын бир Алла, жазгандарым Жан-дил менен күтүңүз, бурадарлар!
Төрт сахаба асхабы жарандарын. Мүкөрлөк кыл, эй момун мусулмандар, Азиздердин бул жолго салгандарын.
Эй момундар, азиздерден үмүт кылган, Тарк кылба пириңдин фармандарын.
Азиздердин артынан калбай жүрсөң Акыретте болбойт го армандарың.
Кулак түрүп, жарандар, салгын паамың Мен бир кулмун коркомун Айтып жазсам пирдин наамын.
Азирети пирим баянын Кулакка алып караңдар!
Ибарат алгын пиримден.
Акылың турса жарандар. Арасына башка сөз эч кошпоймун Азирети пиримден сөз козгоймун.
Жат кыламын жалбарып
Жалгыз Алла Каримди, Шарапатын жазайын Дастан кылып пиримди.
Кадыр Алла жар болсо колго алайын Касиеттүү пиримди казал кылып, Калгандарга бир нуска ыр жазайын.
Касиетин баяндап каламды колго алайын, Жадыңызга алыңыз, жар бурадар агайын.
Биринчи бөлүк
Астайдил кулак салыңыз Айткан пирим баянын!
Акылың болсо байкап бил. Сөзүмдү баштан-аягын. Алла Таала жар болуп,
Азалда азиз жараткан Төрт атадан бер жакка
Эшен болуп келаткан,
Алла Таала бар Кудай Аввалдан ишин оңдогон. Ак Мустафа Мухаммад Үммөтүм деп колдогон.
Катта азирет эшеним –
Авлийалар азизи
Андижан менен Арканы Аввалдан кылган азыгы. Алла Таала кудурет Азизима кылып пир кылган.
Андижан, Арка баарини Азизима кул кылган.
Баарибизге пир кылып, Кудайым мындай жараткан Мухлис, мурун баарини Балдарына караткан.
* * *
Байкап көрүң жарандар, Бактыбызга жараткан. Балдарынын баарысы, Эшен болуп келаткан.
Азизге даахыл болбогон.
Асыларга малаамат Айланайын азизден Арбагына салават.
Балдарына мээрас деп Тапшырып кеткен кулдарын.
Таабир кылып сырымды Дептер кылып турганым. Э
гем сүйүп бергендир Эки дүйнө жыргалын.
Баамдап журтум жазамын
Падыша пирим порумун
Баяндап турам кулак сал, Бала кыял жоругун.
Балдан ширин сөздөрү, Баары бирден сонунун.
Файзи келип кармаган Бабасынын орунун.
Ааламга нуска жазамын
Азирет пирим порумун.
Айтып турам кулак сал Ак куш сыяк жоругун.
* * *
Асалдан ширин сөздөрү Амма сырдан сонунун.
Арбагы колдоп кармаган Атасынын орунун.
Бактыбызга пирибиз, Жеткирди бизге Кудайым.
Көргөн адам кеткисиз,
Көңүлү, сыны мунайым,
Көткө тээп дүйнөнүн салганын баян кылайын.
Үч мертебе ажыга Барганын баян кылайын.
Харамайын наамга Конгонун баян кылайын. А
рабтарга таберик Болгонун баян кылайын.
Арабтарда далилдер Азирет пирим сыйлаган, Азиздигин билген соң Артынан ээрчип ыйлаган.
Эшендигин билген соң Ээриген эшен сөзүнө.
Зыярат кылып пиримди Этегин сүрткөн көзүнө.
Жандилин коюп Аллага
Дүнүйө көзүн карабай,
Чымындай азиз жаныны Бир Кудайдан аябай.
* * *
Ар дайымда тафаккүр
Аллага коюп дилин ай, Аасыларга рахнама Азиз болгон пирим ай. Асылардын багына Азизди Кудай жараткан. Атасынын пирлери Азали болгон арабдан. Амма пирден мукаммал Авлийалык тараптан. Азыркы жүргөн шайхтардан Арбагын ашык жараткан. Атын айтпай кат жазмак Акындарга малаамат. Азиздин наамы болбосо Болбойт сөздө парасат. Наамын айтып жазмакка Болор бекен уруксат?
Азизим берсе уруксат Азыр да бизге бир кызмат. Пирим үчүн канча сөз Чыкканы турат көңүлдөн. Бейадептик кылыштан Коркомун мен өлүмдөн.
Ааламга нуска кылмакка Азирет пирим шарипин
Пириме кошуп жазмакка Усталардын таарипин. Ээлам кылсам ааламга Эки дүнүйө чырагын.
* * *
Эшиттирип пириме Калпалар жооп сурагын. Макул болсо жазмакка Уруксат тилеп турамын. Пиримден уруксат болгон соң Билгенимди жазамын. Азирет пирим баянын Айтмакка казал козголдум. Бейадептик болор деп Ушбу жерге токтолдум. Кечеси барып түнөдүм Көпүрүктүн башына. Эрте менен чашкеде Пиримдин келдим кашына. Адеп кылып кол тутуп, Олтурдум бир аз астына. Ниме деп айтар экен деп Коркуп турдум ичимде. Куш келбей калар бекен деп Кооп кылдым дилимде. Сүйүнчү кабар болсо деп,
Сүйлөгүм келет тилимде. Курдашым молдо Сүйүнкул Окуган экен казалдан.
Кутман пирим окутуп Өткөргөн экен назардан.
Азиз кылып пиримди Жараткан Кудай азалдан.
* * *
Жардам берсе Кудайым Жазамын кыйла масалдан.
Алдыга кирсем саламга
Ак маңдайы жалтырап,
Айланайын азизим
Ай тийгендей жаркылдап,
Пиримдин айткан сөзүнө
Сөөгүм ээрип шалкылдап,
Сымаптай болуп көйкөлүп, Сөөксүз жерим балкылдап,
Сүйүнгөндөн оозума
Жүрөгүм батпай калкылдап,
«Жаза бергин, балам» – деп, Батасын берди жаркылдап.
Колумду жайып пиримден
Батасын алдым сүйүнүп,
Өзүмдү өзүм карасам
Парвана сыпат жүгүрүп, Азирет эшен пиримдин Амирин эки кылбайын. Пиримден жооп болгон соң Токтолуп энди турбайын. Пирибиз жөнүн баяндап, Билгенимче жазайын. Пирим үчүн дептерлеп Бир китабат ачайын.
* * *
Макул болсо жарандар Бирден-бирден алгыла. Насыяттуу пириме Калпалар кулак салгыла!
Казалчы болуп кетти деп
Шикаят кылба, жарандар!
Пирим үчүн жарандар, Алаканың жайгыла! Өмүрүн тилеп Алладан Дуба кылып койгула!
Айланайын пиримден Ашык болгон ооматы. Аммабизге чачылган Азизимдин ниимати. Калпа, калпа болгонуң Азиретимдин урматы. Азыркы жалган дүйнөдө Ашкере болду зыйнаты. Азирети пиримди Важып болду кызматы.
Харажайни шарифайни
Мукаррамайни Азизимдин каты бар. Табарик болгон аларга Араптарга паркы бар. Азык болгон элеттен Андижан – Арка калкы бар.
- * *
Калыбы жарык адамдан Параиз аззам алкы бар. Уруксат алдым айтмакка Абдырахман аты бар.
Төрт атадан бержакка Эшен болгон заты бар. Авлийа келген аввалдан Айланайын затыңдан.
Кечиргейсиз, ээ, пирим, Айтып жаздым атыңдан!
- * *
Шариятти баш туткан,
Тарихатты ырас туткан, Акыйкатты куп билген Адалдык менен жол сүргөн.
Маарипатти куп билген,
Мааниси менен жол сүргөн. Азиздерди бир баштан Зыярат кылып алдыңыз. Баркырак Сарыжылдыздын Баткан жайга бардыңыз. Пайгамбарлар баарысы Жаткан жайга бардыңыз. Оң жагында Кутжылдыз Баткан жайга бардыңыз. Олиялар баарысы Жаткан жайга бардыңыз. Олиялык макамды Ошол жайдан алдыңыз. Ай менен Күн биригип Чыккан жайга бардыңыз.
Албан түрлүү азиздер Чыккан жайга бардыңыз. Ибрахим Халил пайгамбар Салган жайга бардыңыз. Жети марта айланып Зыярат кылып алдыңыз. Нечен түрлүү азизден Калган жайга бардыңыз. Ажарил асват азизди Буса кылып жандыңыз. Абу замзам суунан Абдан ичип кандыңыз.
* * *
Пайгамбарым Мухаммат Көчкөн жайга бардыңыз. Жүз жыйырма төрт миң пайгамбар Өткөн жайга бардыңыз. Бар азиздин баарысы Өткөн жайга бардыңыз. Он хазирет хабибдин Көчкөн жайга бардыңыз. Авлийалар жар болуп
Арапат тоого чыктыңыз.
Азизлигиң билинип, Шайтан туун жыктыңыз. Муздалифа кылган соң Мина тоодо турдуңуз.
Алтымыш эки таш менен Шайтанды абдан урдуңуз. Сарваримдин кабарын Зыярат кылып алдыңыз. Харамайын наамын Асли зат пирим алдыңыз. Кадыр Алла жар болуп, Халилулло бардыңыз. Шарифайни наамын Бардас пирим алдыңыз.
Куруңуз бекем байланып, Куддус Шариф бардыңыз. Мукаррамайын наамына Мукаммал пирим кондуңуз.
* * *
Араптарга билинген Азирет пирим, баркыңыз. Адамдарга табаррүк Абдырахман ат алдыңыз. Аасы болгон жиндерге Акыл-насаат айттыңыз. Атаңыздын санжыра Мойнуңузга тактыңыз. Атаңыздын пирлерин Араптан издеп таптыңыз.
Арзыңыз жетип Аллага
Авлийалык жихаттан Асыл жаның аябай Азизим таптың тааттан. Айланайын азиретим, Аммадан артык баамыңыз. Ааламга нуска болсун деп, Жазып турам наамыңыз.
Эрикпеген тааттан
Иммат куру белинде Отурса, турса тыным жок «Хү!» – пикири дилинде. Капыл турбайт саат да Алланын жады тилинде. Азизлигиң билинген Араптардын элинде.
Авлийалык жихаттан
Адамдарга билинбей
Сиздей азиз ким болор Андижан – Арка элинде.
* * *
Үргүлөйүн пиримден Ачылган дили сопу бар. Илми хал, илми кал Амма илимге барабар. Каламулла тафсирин Камил пирим баяндар. Аят хадис шариптин Аммасинан кабардар.
Күнөөкөр болот билбеген Шек кылбагын, жарандар. Азизимдин сыпатын Акыл ойлоп караңдар. Мадаткар болуп пирлери Натыйжасы ачылган.
Өткөн күнүн билгизбей Топурак сыпат жабылган. Уламаны көргөндө гүлдөй болуп ачылган.
Амири мааруп сүйлөсө Оозунан дүр чачылган. Абдырахман бир наамыңыз Үргүлөйүн атыңдан.
Көзү түйүк биз тургай Көзү ачыктар баш урган. Көтөрүлбөй башкадан
Көргөндөрүн жашырган.
Азирети пирим шарафы Аршы ааламда жазылган.
* * *
Аламан кыргыз биз тургай Араптар баары баш урган.
Үргүлөйүн пиримден Уруху Актан жазылган.
Убара кыргыз биз тургай Урумдун калкы баш урган.
Баян кылган жүзүнөн Маарипат нуру чачылган.
Бахауддин жар болуп Батыны пирим ачылган.
Аманатка кызыкпай Акыретке кам кылган.
Ар кайсы жерде улама Азиз пирим маң кылган.
Байит кылсам пиримди Банданин болбос укпасы.
Байзы келип токтогон
Бабасыны хыркасы
Баян болсун ааламга Падыша пирим нускасы.
Азизимдин баянын Адамдын болбос укпасы.
Арбагы колдоп токтогон Атасынын хыркасы.
Аманат дүнүйө жүзүндө Ак шарият туткасы.
Ааламга баян кыламын
Азирет пирим нускасын.
* * *
Таалымы артык пиримдин Таатка белин байлаган.
Тапанча менен ургулап Шайтанды жолго айдаган.
Ар кайсы жерде мечитке Алка башы шайлаган.
Амири Маарүп баяндап Ак шарият жар кылган.
Ак жолго салып калкыны Арамдык ишти кар кылган.
Шарапатын билдирип,
Шариятти укмакка
Билбегенди билдирип,
Пир амирин тутмакка,
Талапкер калктын баарысын
Өзүнө тартып алмакка,
Таалим берип калкына
Тарикатка салмакка,
Эргештирип мурутун
Жаннатка алып бармакка, Эшиткенге малал деп Муктасар кылдым жазмакка.
Азизиме ал берген Абдукадыр атыңдан.
Пайгамбардын авлады Үргүлөйүн затыңдан.
* * *
Бир Кудаанын махбүбү Өлгөндөрдү тиргизген.
Жараткан жалгыз Аллага Жакындыгын билгизген.
Нечен жылдык өлүктү Жаныны кайта киргизген.
Көрүңүз пирим шарафын Заты шариф кадамын.
Жаамы авлийа баарынын Карваныга тийгизген.
Жакындыгы билинген
Жалгыз Алла Каримге, Жанабы гавсы бузурук Жардамдык берген пириме.
Өзү сүйүп Кудайым Ошондой ишин оңдогон.
Кавсул Аззам пиримдин Уруху азыр колдогон.
Акыр заман пасыктар Азизимдан болбогон.
Акыреттик мурутун Арасат жолго койбогон.
Таалим алып пирлерден
Тарихатка кирсин деп,
Кавсул Аззам пиримдин Шарапатын билсин деп,
Амал кылган момундар
Акжамалын көрсүн деп,
Арыптардын аьзами
Алка башы болсун деп,
Азиздик менен баяндап, Ашкере кылды калпаны.
Жаныдил менен көнөөрмүн Көңүлдө жоктур шегим ай.
Эки аалам башлыгы Үргүлөйүн пирим ай.
Алгым келет маззани
Оозуңда ширин кантыңдан.
Мен тасаддук болоюн Шарапаттык затыңдан.
Жанымды кыла садака Абдырахман атыңдан.
Акыл айткан аасыга Айланайын паамыңдан.
Машхур болгон ааламга Харамайын наамыңыз.
Арыфтардын сарвари Хамма катта шарапыңыз.
* * *
Шарапатың ашкере Азыркы заман өзүндө.
Жардам бергин, эй пирим, Шашылып турган кезимде.
Өзүн өзү угурлап, Жүргөнүн калкка туйдурбас.
Мухлиси мурут баарысын Ал жетпес ишке буйрубас.
Сөзүмдү эки кылбастан
Макул деп коёр экен деп,
Буйруган ишим кылбаса
Күнөөкөр болуп калар деп,
Кыяматтык карыз кылып,
Мойнуна жүктөп алар деп,
Айтканым бажа кылбаса
Аасы болуп калар деп,
Айланайын азизим,
Акыл, насаат козголуп,
Акмак, наадан биздердин
Акырет жайын ойлобой
Авлийалык жихаттан
Адамга сырын билдирбей, Таалим берип азиретим
Тарикат жолго киргизген.
* * *
Акмак Жахил биздерге алдан кабар билгизди.
Акмак болуп жүргөнбүз алалдап ичпей ашыбыз.
Айланайын азизим Катарга кошту башыбыз.
Тентип жүргөн ит элек Эгем таптык, кул болдук.
Жолдо жаткан хас элек Назар таптык, кул болдук.
Шариятка кирген деп, Аргиз кылбайт улуулук.
Шарапат тийип пиримден Бүгүлдүк да кул болдук.
Каңгырап жүргөн талаада
Кулак укпас кар элек,
Көзү туяк караңгы
Жол билбеген көр элек,
Көрсөттү бизге чоң жолду.
Көрдүңбү пирдин кылганын.
Көзү туяк нааданды Жолго салган азизим.
Акылын койгон азизим
Акыреттин пикириге,
Ар дайыма тынбастан Машгул болгон зикирге.
* * *
Алла Таала Кудайга
Ар дайым жады бөлүнгөн, Илми хал, илми кал
Арши аалада көрүнгөн.
Көргөн сары азиретим Топурак сыпат басылган.
Башкалардай оолукпай Сабыр кылып жашырган.
Албан түрдүү дарс китеп Бир улоого артылган.
Китебин көрүп молдолор Адеп кылып тартынган.
Ар түрдүү дарсти көргөн соң аягына баш урган.
Мартабаси пиримдин Мактубатта айтылган.
Масала көрүп матинден Уламалар баш урган.
Таалимин билип пиримдин Таазим кылып сыйынган.
Тахсин кылып азиреттин Аягына жыгылган.
Алдына келген улама адеп менен сүйлөгөн.
Билбедик деп жыйылып, Пиримден үзүр тилеген.
* * *
Күфрүн кылып пиримдин Күнөөкөр болот билбеген. Күфрүн кылса ар киши Күнөөнүн жолун издеген.
Айланайын азиретим Аасыларга даваагер. Азирети эшен пиримди Аалы деген күнөөкөр.
Азиздин паркын билбесе Анда жоктур мадаткар. Азизга кызмат кылгандар Акыретте болот жар.
Баштан-аяк пиримдин Сыпатын байкап караңдар! Марапаты артыкча Шек келтирбе, жарандар!
Нече түрлүү алаамат
Өтүп келээр, бурадар, Пиримдин колун тутканга Шүгүрлүк кылгын момундар!
Үч мертебе кангандыр Обу замзам сууна.
* * *
Азизим баштап жеткирээр Пайгамбарым тоосуна.
Кагылайын азиретим, Камкор дүйнө түркүгү.
Кудайымдын махбуубу Абдукадыр күчүгү.
Алла сүйүп баа берген Азыркы заман күкүгү.
Айланайын азизим Аманат дүйнө түркүгү.
Абибимдин авлады Кавсыл Аьзам күчүгү.
Алланын аарыф маашукы Аасылардын маргүби.
Ар нафаста тынмайын Алланын жады тилинде.
Саясаттуу Шайтанга
Иммат нуру белинде, Шариятсыз иш кылбас Шааниси улук илимде.
Шарапатың артыкча Андижан, Арка элинде.
Аммаси пирим баяны Акыл ойлоп караңдар.
Астайдил кызмат кыл Ага-ини, жарандар!
Азирети пирим шаанисин Акун Молдо баяндар.
* * *
Таарипин айтып жазганга Дува кылгын, бурадар!
Жадыңды койгун жарандар, Жараткан Алла Каримга.
Дакылдар болгун калайык. Заты шарип пиримге!
Кел момундар, бел байлап, Кетиргин ичте кириңиз.
Азизге дакыл болбосоң Шайтан болор пириңиз.
Ай-ай, момун, ойлоп көр, Ааламдан бир күн өтөрбүз.
Азизге дакыл болбосок Арманда болуп кетербиз.
Тенебиз чирип хок болуп, Тар лахатта жатабыз.
Алланын амирин кылбасак Азабын акыр тартабыз.
Арасаттын майданы Уюган туман, чаң болор.
Марди Калил болбосо Башыбыз анда маң болор.
Кыяматтын шиддати Кызыган ысык күн болор.
Кызмат кылсаң азиретке Кыйын ишиң оң болор.
Дакыл бол, момун, азиретке
Тагдыр сени колдосо,
Тентиреп жолдо турарбыз
Кол берген муршид болбосо.
* * *
Арасаттагы майданда
Адашып жүргөн майдандан Алдыңдан чыгып жаркырап Азизим алар колуңдан.
Алдыңдан пириң чыккан соң Арылдың банда шоруңдан.
Аасыларга рахнама Айланам азиз кулуңдан.
Каапыл болбо, момундар, Каларбыз шумдук коюна.
Азизге дакыл болбосок Кетээрбиз шайтан тоюна.
Шайтандын сөзүн айткандар Шарияттан кайткандар.
Жатмыш жайы алардын Дарки асфал минаннаар.
Айта берсем түгөнбөс Азирет пирим баяны.
Ада болбос жазсам мен Алланын берген аянын.
Кут кылган Кудай пириме
Купия да, жария,
Азизди Кудай жараткан Аасылардын багына.
Аккан менен түгөнбөс Төрт сүлүккө дария.
* * *
Таалим берээр Азиретим
Адамды карап ачына, Жол көрсөтөр азизим
Өзүнүн айткан жагына.
Палан кылып дүйнөнү Башка пирдей оолукпас.
Күлө багып жүзүнө Адам дилин оорутпас.
Канча берсең дүйнөнү «Бай кылдың мени кел» дебес.
Тарлык кылып башкадай
«Кел, колуңду бер!» дебес.
Муруттарга мулайым Зыклык менен иш тутпас.
Дербиштерге шафкаттуу Дүнүйөнү дос тутпас.
Айланайын Азиретим.
Атасы болгон Хабибниң. Амиша дайым көз салып Алын сураган карыптын.
Падыша пирим аввалдан Пайдасын кылган пакырдын.
Жарык дүйнө жүзүндө Жардамын кылган жакырдын.
Дүнүйө көзүн карабай Мейман үчүн карж кылган.
Аманатка кызыкпай Акыретке сарп кылган.
Карай кеткен карыпка Кайыр берип гарк кылган.
Табылгандын баарыны Дасторкон үчүн сарп кылган.
Таксым кылып кайырды Дербиштерге гарк кылган.
Азиздердин жоомарты Аброюң артылган.
Аның үчүн жарандар Арамайын наамы айтылган.
Үч барып келген ажыга Шарапаттуу затыңдан.
Аасыларга рахнаама Абдыракман атыңдан.
Аргиз дүйнө дос тутпас
Акырет жайын ойлонуп,
Амандык берсе барсам деп
Азирет пирим камданып,
Кумары тутуп Каабанын
Кудайга ыйлап жалбарып,
Аныктап заман күчөйүп
Ажынын жолу байланып, Адамдар дини сус болуп, Акыр заман айланып.
Азиздин сөзүн аңдабай
Акырет жолу байланып,
Кезеги келип калган соң Кезээри аман айланып.
Капырлар бетпак заманы
Каабанын жолу байланып,
Сааты келсе Кудайым
Аманатын койбос деп,
Дүнүйөнү дос тутуп, Бекерге болуш болбос деп.
Көңүлдөгү максатын
Кеңешти пирим ойлонуп,
Башаарат болуп Алладан
Көпүрүк үчүн козголуп,
Бир миң үч жүз кырк төрт жыл
Эсеп кылган карынга,
Көпүрүк жайын ойлонуп, Көз жетпеген Нарынга.
Баракалла пириме
Параиз аьзам калкыдан
Шагдан кылып той берип, Масилат сурап калкынан.
Алла Таала жар болуп Алдыңыз абдан соопту.
Иззат кылып сөзүңү Калайык берди жоопту.
Батаңыз бизге табаррүк
Баарыбыз болсо алың деп,
Өзүңүздө ыктыяр
Каалаган жерге салың деп,
Касиет менен жер жайлап
Камбар ата койгонго
Канча жылы бузулбас
Каалайык өтүп турганга,
Аманатка кызыкпай
Акырет үчүн бел байлап,
Аажат үчүн эшеним
Ак дайрага жер жайлап,
Кам дүйнөгө коробой
Кайрат үчүн бел байлап,
* * *
Кан жыттанган дайрага
Касиет менен жер жайлап,
Жокту, барды ойлобой
Жоомарт пирим бел байлап,
Сооп үчүн Азиретим
Чоң дайрага жер жайлап,
Көзүн жумуп дүйнөдөн
Көп соопко бел байлап,
Көпкө мурас калсын деп,
Көк дайрага жер жайлап,
Көл болуп жаткан Нарынга
Көпүрүк үчүн бел байлап, Дува кылып пириме Көпчүлүк өтсүн мал айдап.
Маңдайда барын сарп кылып, Бир Кудайдан аябай,
Марди Камыл эшеним
Мал көзүнө карабай,
Түгөнбөс жайды ойлонуп,
Тобокел жанын аябай,
Жоомарт пирим мүлк кылды Дүнүйө көзүн карабай.
Чымындай жанын аябай
Чын дүйнөгө бел байлап,
Чымчык өтпөс дайрага
Чымырканып жер жайлап,
Кекилик өтпөс дайрага Карамат менен жер жайлап.
Айтамын пирим баянын Астейдил журтум, кулак сал.
* * *
Азиретимдин тарипин Акылың болсо билип ал. Күпүлдөп аккан дайрадан Көгүчкөн учуп өтпөгөн.
Көп киргенде дайрадан Көп адам эсен кетпеген.
Төө өркөч болуп түрүлүп
Дөбөдөй муздар көрүнүп,
Топ-топ чыккан терек, тал
Тобу менен сүрүлүп
Четине келген адамдын Заманасы куурулуп.
Кадыр Алла пиримди Касиетин мол кылды.
Калкыма мурас болсун деп Казанат кара жол кылды.
Көзү туюк көп адам
Болжой турган неме эмес.
Азирети Адамдан бер жакка Көпүрүк түшкөн жер эмес.
Көзүңдү ачкын, момундар, Көрүнгөн киши пир эмес.
Көргүлөчү пиримди
Көзү туюк бизге окшоп Көкүрөгү кир эмес.
Кетмен-Төбө кең жерге Катта эшандар көп келген. Мал жыйдырып алмакка Авлийамин деп келген.
* * *
Авлийа экен ушбу деп Ойлобогон пир кылган.
Ойлоп көрсөк, калайык, Бул өңдүү ишти ким кылган.
Акылың болсо аңдап бил Азыр да бизге бир жыргал. Айланайын атыңдан Абдырахман пир кылган.
Ак дайрага көпүрүк
Азирет эшен кылганын, Азыр бизге көрсөттү Аманат дүйнө жыргалын.
Баамың салгын, калайык, Башаарат бизге кылганын.
Бадыша пирим көрсөттү Бакасыз дүйнө жыргалын.
Көпүрүк салып дайрага Көрүңөр пирим аянын.
Көпкө элан кылгаймын Көпүрүктүн баянын.
Бавар кылгын сөзүмдү
Жар, бурадар, агайын, Заты маарип пиримдин Шаанисин айтып жазайын.
Падышалар салбаса Мындай ишти ким кылган?
Бир Кудайга бел байлап, Марди Камыл пир кылган. Өзү сүйгөн кулуга Өзү сүйүп жар кылган.
* * *
Аммадан улук иммати Арамайын намзат кылган.
Аларга бандам салсын деп Изди Таала жат кылган.
Эки зоонун ортого Эшаним сыпат мард кылган.
Карами кең Кудайым Караматин мол кылган.
Келиштирип эшаным Кестирип зоону жол кылган.
Кадыр Алла Кудайым Касиетин мол кылган.
Карлыгач учпас дайрага Калкына кара жол кылган.
Калың журтум ойлоп көр
Карып жандын айласын касиеттүү пиримдин калкына кылган айласын.
Акылың болсо ойлоп бак Аманат жандын пайдасын.
Аманат жалган дүйнөдө Ашкере кылды пайдасын.
Артыкча Алла жараткан Азиретимдин урматын.
Азизимдин табарбыз Астайдил кылсак кызматын.
Жарык болор жүзүбүз Амеша алсак дубасын.
Алла Таала бүткөргөн Азирети эшан мудаасын.
* * *
Жоомарт пирим колдогон Жок болсо ичте кирибиз.
Ырастап Кудай бергени Ыраазы болсо пирибиз.
Айланайын пиримен алал болгой ичибиз.
Акыретке барганда Асан болгой ишибиз.
Кыйналганда мингизер Кызыл жабдык бурактан.
Кыяматта өткөзөр Кылыч миздүү сираттан.
Айтамын пирим таарипин Акылың болсо кулак сал.
Аввалын акыр эшиткин Азиретимдин шул казал.
Арасатта мингизер Алтын жабдык бурактан.
Азирет пирим өткөзөр Беш жүз жылдык сираттан.
Алданбагын момундар, Азезил бетпак куусуна.
Аралап жүрүп кандыраар Авзи кавсар суусуна.
Азиретим баштап жеткирээр Аан хазирет туусуна.
Алып келип киринтет Абурахмат суусуна.
Аввалдан турган жер экен Азирет пирим бактына.
Айланып өтчү эл үчүн Көпүрүк салды жакшына.
Көпүрүк болмок көрүнгүн Таин болгон аввалдан.
Бактысына пиримдин Жазылган Лавху каламдан.
Нече түрлүү олуя Өтүп келген ааламдан.
Насибаси пиримдин Кала берген алардан.
Кала берип алардан Канча адамды актаган.
Ак жараткан пенде экен Азирет үчүн сактаган.
Сүйгөн пендем бул жерге
Көпүрүктү салсын деп, Табаррүк болуп азизден Көпкө мурас калсын деп.
Макул кылып пиримди
Көрсөттү Кудай көзүнө. Кудайым сүйгөн азизи Көпүрүк салды өзүнө.
Муруттарга шапкаттуу Марапаттүү затыңдан. Айланайын, эй пирим, Абдыракман атыңдан.
Атыңыздан көп айттым Азирет пирим кечиргил! Аьрыптардын аьзами Ауф кылсаң да өзүң бил.
Алла Таала жар болсо Аброюңуз айтабыз. Алдыңызга келе албай Аасы болуп жатабыз.
Акыңызга, ээ пирим, Ар дайым дуба кылабыз. Алла Таала Кудайдан Амандыгың сурайбыз.
Түшүндүрүп дуваңыз Алганы келип турабыз.
Буйруган амир кызматты Жаны дил менен кылабыз.
Куп келтирип жазарбыз Кудайым салса көңүлгө. Дагысын дагы жазарбыз Берекет берсе өмүргө.
Таарипиңизди баяндап, Нуска жазып турубуз. Дубаңыз талап кылабыз Молдо Ашур кулуңуз.
Араб арибинен азыркы тамгага көчүргөн: Молдо Сабыр ажы Досболов.
Жөнгө салып, даярдаган: О. Соорон-сопу
МАМАТ БОЛОТ
«АЗИРЕТИ ЭШЕН ПИРИБИЗ» – ДИНИЙ-МИСТИКАЛЫК ДАСТАН
Жазма кыргыз адабиятынын тарыхы бери эле дегенде кийинки миң жылды активдүү камтыры азыркы учурда дээрлик аныкталган факт. Башкача айтканда, Туран жерге ислам киргенден баштап араб жазуусуна негизделген түркий адабият, анын ичинде накта кыргыз элине тиешелүү көркөм адабият күргүштөп өнүккөн: буга Баласагын, Кашкари баш болгон дөө-шаалардын чыгармачылыгы күбө. Бирок булардан башка да эл ичинде миңдеген, а мүмкүн жүз миңдеген аталыштагы түрдүү маанини камтыган кол жазмалар, кол китептер, түрмөктөр, эскерүүлөр, санжыралар, дастандар, казалдар, илимий эмгектер сакталган. Алардын көпчүлүгү Өктөбүр төңкө рүшүнө чейин жеткен да 20-жылдардан башталып аягы так 85-жылды такап келген ар түрдүү «тазалоо» кампанияларында, жетимиш жылча очоюп отурган карасоюл атеисттик материализмге сугарылган мамлекеттик кыргын саясатынын негизинде жоготулуп, азайып, таптакыр соолуп кала таштаган. Ошол Түркстан жана Кыргызжер тарыхын, илимин даанышфалсафасына миң жылдай таасир берген ислам мезгили нукура улуттук каада-салтыбызды, ыйман-ишенимибизди талкалоочу фактор болгон менен, экинчи тараптан Ислам диний окуусу, философиясы, араб-мусулман илиминин түрдүүчө үлгүлөрүн түрк дүйнөсүнө, анын ичинде көчмөн, жарым көчмөн кыргыз дүйнөсүнө таралып-жайылуусу, сөзсүз, оң роль ойногон.
Кыргызда эчтеке жок болчу, кыргыз эч качан жазуусызууну билген эмес, анча-мынча эл арасында табылган арабча, фарсиче кол жазмалар көбүнчө сарт-тажик, кийинчерээк татар миссионерлердин жазгандары улут маданиятын, тарыхын, жазуу-сызуу үлгүлөрүн кемсинтүүгө, жоготууга багытталган саясат эмгиче өзүбүз дүн эле тотал материализм-атеизм акырынан жем жеген улутбезерлердин оозунан чыгып отурушу бери жагы наадандык, нары жагы глобалдаштырууну туу тутунган азыркы маңкурттардын кара курсак үчүн атайылап жасаганы.
Башкасын коёлу Чыңгыз жапырыгына чейин Кыргызстандын түндүк, түштүгү экөө бирдей цивилизациянын өнүккөн аралында жайгашканын эч ким тана албайт. Монгол-татардын алгачкы кыйраткыч соккусунан болжол менен жарым, бир кылымча өткөндөн кийин ушул аймактар мурунку каадасына жетпесе да, маданий -цивилдүү оролуна кайта баштаган. Улуу тарыхчы бабабыз Аксыкенти заманында азыркы Кыргыз өлкөсүнүн территориясында Аксы, Өзгөн-Ош, Лейлек-Баул, Баткен, Көгарт-Созок, Ноокен, Караүңкүр аймактарында, Кокон, Анжиян, Ташкен, Хожентке чейин отурукташкан кыргыз-кыпчак элдеринде маданий жүксалыш Баласагын заманына жетпесе да, кайрадан тиктелип, көтөрүлө баштаганы анык. Эки жүз жыл ашуун созулган калмак экспансиясы Теңир тоо аймагындагы кыргыз журтун жапайылаштыруучу – кыйраткыч саясат жүргүзгөн. Анын натыйжасында азыркы түндүк кыргыздар кайрадан көчмөн жашоого толук сүрүлүп, көк кепичтүү кокондук, анан өңү сары, көзү көк орус келгенче көчмөндүктүн койнунда калып кеткен. Анжиян кыргыздары калмак сүрүлгөндөн кийин Кокондун исламдаштыруучу таасирине ооп, Амир Темир заманынан кийин чарт үзүлгөн тарыхый кемелтени толтурууга кирише баштаган.
Исламдын жаны деп эсептелген суфизм (сопулук тарикат) окуусу Кожакмат Яссави, Арстан Баба, Түмөн Баба, Чакыр Баба… дагы-дагы миңдеген аталардын (арабча – шейх, парсыча – пир) иш-аракети түбүнөн экстазга, кайып ааламдарга, көрүнбөс дүйнөлөргө жакын туран элдерине, анын ичинде ак кайып кыргыз элине бап келип, жан дүйнөнүн агарышына, ички көздүн ачылышына өтөлгө түзгөнү талашсыз.
Сайпидин дамылланын «Мажмуат-ут-таворих» китеби Түркстандагы светтик турмуштун жана падышалар тарыхынын хроникасы гана эмес, ошолор менен теңата көрүнбөс бийликтин эки тизгин, бир чылбыры колунда турган рух ээлеринин – пирлердин, олуялардын, улуу насаатчы сопулардын да тарыхнаамасы. Кыргыз улутунун кийинки эки миң жылдын ичиндеги жазма рухий тарыхы изилдениш жаатынан нөлдөн эми бир аз жылды.
Мына сиз, урматтуу окурман, таанышып чыккан диний мистикалык чыгарманын кыргыз жазма адабиятындагы толук кандуу үлгүсү деп атоого боло турган колуңуздагы үзүндү биз жогоруда кеп кылып аткандардын дагы бир далили. Байыркы Катлам-Хайлама (Кетмен-Төбө) жеринен ким деген гана сөз аталары, акыл устаттары чыкпады? Ошолордун ичинен таажынын дал маңдайга чөгөрүлгөн кымбат жакуту ушул касиеттүү Кетмен-Төбөнүн Үчтерегинен чыккан Ашыр молдонун чыгармасы болот окшойт.
Ашыр молдо (китепте араб үлгүсүндө Ашур деп берилген) кадимки аты чуулуу Абдрахман эшен Бааридин (Фахриддин) эшен уулунун берилген жана жан шакирти, улама-молдосу жана катчысы болгон экен. Абдрахман эшен болсо өз кезегинде Токтогул ырчынын «Эшен-калпасынын» персонажы деп болжолдонгон инсан. Беш убак намазын үзбөй, Кудай Тааланын кудуретине баш ийип, терең түшүнгөн көзү ачык акын андай ырды ырдады беле же жокпу, бу да изилдөөнү, тактоону талап кылган мас еле.
Абдрахман эшен теги-түбү ичкиликтин кыдырша уругунан Анжиян Асакесинин кыргыз конуштарынан чыккан. Ушу кезде Абдрахман эшендин урук-учмагы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Ош шаарынын айланасында жашайт. Абдырахман эшен атанын эң кичүү уулу Зикир максум көзү тирүү, Базар-Коргондун Бешбадам айлында турат.
Абдрахман эшен, ал кишинин атасы Баардин эшендер эшендик наамды кыргызда биринчи алган инсандар. Калмурат Рыскуловдун айтымы боюнча Нурмолдо акын да эшен (Акэшен деп айтат) деген наамды алган экен. Бирок Абдрахмандын атасы Баардин эшен Нурмолдодон мурун жашаган. Кыргыз уругунан чыккандарга эшен деген наамды бербегендин дагы бир себеби: эшен, төрө, кожо деген наамдар көбүнчө Араб ислам халифатында Мухаммед пайгамбарга түбү барып кошулган ак сөөк сейид эсептелген руханий кастага берилген. Суфизмдин улуу даанышмандарынын көбү же түпкүлүгү зороастризм жрецтеринен, же Мухаммеддин кызы Бүбү Фатиманын тукумдарынан тарагандар. Халифат багынтып, исламга киргизген элдердин арасынан чыккан улуу шейхтер, пирлер, устаттар саналуу гана. Ошондуктан кара кыргыз журтунун ичкилик ордосунан Кудайга үнү жетип, тилеги кабыл кылынып, Акдүйнө-Нурдүйнөлөрдү айкын ажыратып эшен наамын алып калышы – чынында рухи тарыхыбыздагы улуу окуя.
Абдрахман эшен XIX кылымдын 70-жылдарында туулуп, 1942-жылы 7-ноябрь күнү дүнүйө салган. Өлгөн күнүн так эстеп калышканы Ата Мекен согушунда Сталинграддын ар бир метр жери үчүн кырчылдашып жаткан учур жана ошондой мезгилде 7-ноябрь – революциянын 25 жылдыгы түпкүргө чейин даршан кылынып майрам белгиси жасалгандан улам болсо керек дейт Эшен атанын көкүрөк күчүгү Зикир максум аке.
Эшен деген наам түрк-тажик дүйнөсүндө гана кездешет да сопулуктун бардык баскычтарын басып өтүп, Акка – Теңир чындыгына жеткен адамга гана ыйгарылат. Ишан-Алар деген сый-урматтоо менен айтылган кайрылуу жөндөмөсүндөгү тажик сөзү. Кыргызча – эшен, Эшендик даражага киши сөзсүз материал дүйнөгө параллель нур дүйнөлөргө, көп өлчөм идеал дүйнөлөргө чыгуучу керемет күчкө ээ болгондо гана жеткен. Ислам суфизм окуусунда Акка (Хак арабча-кыргызча Чындык, бүтүн көрүнгөн дүйнөлөрдүн түбүндө жаткан Теңирдин улуу, Жаратман касиети) Акыйкатка жеткен адам мезгилди жана мейкинди башкара билген, жоктон бар кылган, ажалы жетпегенди айыктырган, керемет көрсөткөн. Булардын сыйкырчы-факирлерден айырмасы – керемет-ка сиет көрсөтүү алар үчүн атайын максат болгон эмес, суфий олуя бардык Ааламдарды Жараткан Эгени таанып-билүү жолунда кездешип калган жыты аңкыган гүл катары гана караган керемет-сыйкырга Суфий тарикатчы үчүн эң башкысы Теңирди, Алланы, Эгени таануу, калган нерселердин баары ошого байланыш.
Абдрахман эшен Канибадамдагы түбү сейид тукумунан чыккан Бузургхан олуя эшенден тарбия көрүп, тарикаттын бардык сыноо-баскычтарынан өтүп, а кишиден бата алып, өзүнчө эшен катары суфизмди жайылтып үгүттөөгө руксатнааманы (иршад) кошо алган. Абдрахман талыкпай шарият-диният жолунда үгүт-насаат иштерин жүргүзүп мектептер түзгөн. Андай мектеп-уюмдар Базаркоргон, Ноокен, Өзбекстандын Пахтабад, Пайтык, Асаке жактарында, Көкарт (Сузак), Кетмен-Төбө (Токтогул) аймактарында көп болгон. Атүгүл Жумгал, Ак-Талаага чейин таасири жайылган. Эшен ата азыркы тил менен айтканда, өз предмети суфизмди мыкты билген кереметти көп көрсөткөн.
Кетментөбөдө Түштүккө келбей он төрт жыл туруп калган деген сөз бар, ошол мезгилде молдо Ашыр, молдо Сүйүндүк, уста Белек сыяктуу көптөгөн эң мыкты шакирттери чыккан.
Азирети эшен пирибиз – ошол шакирттердин эң зээн дүүсү, шарият менен тарикат илимине каныккан акылгөйү, үч теректик Ашыр молдонун Абдрахман эшен ата Баардин (Фахриддин же Пахирдин) уулуна арнаган рухнаама дастаны.
Кол жазманын илимий текстологиясы, поэтикасы, тарыхы боюнча ушул багыттагы бирден бир илимпозубуз Омор Соороновдун маалыматынан тааныштыңыздар, биз болсо сөздү ушул дастандын кыргыз адабиятындагы мааниси жана орду кандай болмок, ошого буралы.
Дастандын автору Молдо Ашыр арабча кат-сабаты ачылып гана тим болбой, шарият менен тарикаттын теориялык жана практикалык жактарын канык өздөштүргөн адис, ашкере ыр жандуу инсан.
Бирок кол кыскалыгынан Ашыр молдонун Үчтеректин каеринен, кайсыл уруудан чыккан, теги-түгү ким болгон, изилдей элекпиз. Буйруса, ушул дастандын жарык көрүшү менен бул багыттан да кемчилибиз толо түшөөр деген үмүттөбүз.
«Азирети эшен пирибиз» – түрк диний мистикалык адабиятында тээ Кулкожакмат Яссавиден келаткан будүйнөлүгүн кечип, о дүйнөлөргө бой урган инсандын амалтажрыйбасынан алынып, ошого багышталып жазылган дастан. Мындай чыгарма, б.а., накай диний-мистикалык темада, мистикалык керемет жан дүйнөнүн ээси болгон каарманга арналган чыгарма, буга чейин мүлдө кыргыз адабиятында кездешкен эмес. Албетте, ошол эле Яссави, Баласагын, Кашкары, Аксыкенти Молдо Нияз, Калыгул, Молдо Кылыч, Арстанбек, Нурмолдо, Барпы апыз, Токтогул, атүгүл Коргоолго чейин Теңир Таала, нурааламдар, одүйнө темасы тигил же бул даражада чагылтылып келгени анык, бирок бул дастандагыдай, баш каарманы деп коёлу, чыныгы мистик кереметкөй, батасы элди байыткан, жүрөктөрдү агартып тазалаган адамга арналган чыгарма кездеше элек болчу.
Молдо Ашыр бу жагынан нукура мусулман мистик поэзиясында кездешкендей улуу инсандын өмүр таржымалын баяндоого киришээрден алдын ал кишинин үрөйүнө таазим этип, жалынып руксат алат. Ал киши тегин адам эмес, касиет-барракаси (баррака араб сөзү – кут деген мааниде) ошол араб, тажик, түрктүн – жаамы мусулман дүйнөсүнүн менменсинген олуяларынан кем болбогонун агедилдик, адамгерчилик жагынан өз мезгилинин эң озук инсаны болгонун кабарлайт.
Абдрахман эшен устаты сейид Бузургхан кожо эшенден кыска, бирок нуска окуган. Кээ бир мүрид-таалибдер ондогон жылдар кызматын кылып, жетише албаган бийиктикке, эшен ата бир гана арстанча каргуу менен жеткен. Муршиддин (Пирдин) көптөгөн тажик, сарт, мүриддери ичтери күйүп, кечээ эле тоодон түшкөн жапайы кыргызга батаңызды берип койдуңуз да дегенде Бузургхан олуя, кыргыз таза асыл таш, тунук суулуу булак экен, мен бар болгону тараштап жылмартып, булактын көзүн гана ачып койдум деген экен суфийлер традициясы менен.
Молдо Ашыр Абдрахман эшендин илми хал (экстазтранска кетүү), тарикат, марифат, акыйкаттын бардык баскычтарында мыкты жол көрсөткүч устаз; шарият, фикх жана башка будүйнөлүк окууларда да көзү канган аалым экенин кайта-кайта тажабай белгилеп отурат. Эшен атанын жекече инсандык сапаттары да ички дүйнөсүнө дал келген, кемтиксиз дээрлик пендечилик кемчиликсиз камил инсан («совершенный муж») экенин ачып көрсөтүп, баса белгилейт.
Керемет жана интуитивдүү акыл ээси Абдрахман эшен үч жолу ажыга сапар кылып, арабдардын менсинген илимпоздору менен пикир алышып, көбүнөн үстүн келип, эки дүйнөнү тааныган бийик инсан экенине арабдар көзүн жаштаганын Ашыр апыз:
Арабдарга таберик Болгонун баян кылайын:
Арабдарда далилдер
Азирет пирим сыйлаган,
Азиздигин билген соң Артынан ээрип-эпчип ыйлаган,–дегендей жарыкнур саптар менен көрсөтөт.
Аламан кыргыз биз тургай Арабдар баары баш урган.
Үргүлөйүн пиримден Уруху Акта жазылган,–деп Пиринин өзгөчө улуу Керемет илимге жеткен инсан экендигин тастыктайт.
«Азирети эшен пирибиздин» – кыргыз поэзиясындагы, рухтаануу, динтаануусундагы, керемет-кайып өнөртаануусундагы орду өз учурунда изилденер, буйруса. Бизге мына ушундай тарикат менен акыйкаттын кыргыз турмушундагы амалий (практикалык) үлгүсүн көрсөткөн дастандын бар экени чоң сый, чоң урмат. Ошолорду жаратып, ошондой үлгүлөрдү калтырып кеткен ата-бабалардын асыл арбактарына таазим!
Рухий дастандын баасы мезгил жылган сайын улукталып, бийиктелип, дааналанып, такталып көрүнө берерине көзүбүз жетип турат. Кайыпааламдарга, көп өлчөм көрүнбөс дүйнөлөргө жасалган керемет саякаттарды баяндап, иралды кыргыз баласына өбөк-жөлөк болуп, Алла Таала Ааламдарынын макамдарына, жол көрсөткүч Алтын Казык болоруна көзүбүз жетип турат.
Эми автордун кимдигине келсек: биздеги кетилипчотулуп жеткен маалыматтар боюнча молдо Ашыр XX кылымдын 60-жылдарына жете жашаган инсан.
Заалымдан кайгы көп өттү,
Жабыр тарттым. Өлбөдүм, –деп жазганына караганда атактуу эшендин акун шакирти совет доорунда көп ыдык көргөндөй. Бирок дастандын дагы бир жеринде Эшен атанын бүтүн шакирттери эмгиче ыдык көрсө да тирүү экенине канагат, шүгүрчүлүк кылган жерлери бар.
Бакырлык илимин, аскеза, дервиш-девоналыкты чегине жеткизе Устазынан таалим алган Ашыр апыз да жөн эле укканын кайталаган тоту куш болгон эмес. А киши да керемет ээси болуп, салган деми кетпеген, көптөгөн жан жана тен оорулуулардын сообуна калган, Эшендик наам алган эмес, бирок Абдрахман эшендин амалда (практикада) да, илим-теорияда да эң озук окуучуларынан экени көрүнүп турат.
«Азирети эшен пирибиз» диний-мистикалык дастанынын адабиятына кошулушу менен кыргыз рухтаануусунун дүйнөлүк рух казынасына тайманбай сунуштоочу дагы бир чыгармасы пайда болгонун баса көрсөтүп койсок болот.
МАДАНИЯТ
БАЙАС ТУРАЛ
ЫСЫМ – АСМАНДЫН БЕЛЕГИ
«Өзүнүн ысмын, өз атасынын жана энесинин ысмын, өз элинин ысмын билбеген адам – маңкурт, өзүнүн өткөнүн унуткан адам – кул» (Абдуали Хайдар, академик)
КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
Адам ысмы жөнүндөгү илим – ал түбү барып тил илиминин бир бутагы болуп саналат. Андыктан Улуттук тил илимин толук өнүктүрөбүз десек, Улуттук адам ысымдарын изилдеген илимди да өнүктүрүү зарыл.
«Тил жөнүндөгү илимдин, лингвистикалык изилдөөлөр багытында «ономастика» деп аталган өзгөчө бир бутагы бар. Бул терминдин негизинде гректин «ономастике» – «ысым ыйгаруу өнөрү» деген сөзү жатат» (М.Горбановский, 1987-ж., 7-бет.). Ономастика илими өзү: «топонимия» жана «антропонимия» деп аталган бөлүмдөрдөн турат.Топонимия гректин сөзү, ал биздин тилде «топос» – «жер, орун», «онума» – «ысым», ал эми антропонимия ушул эле элдин (гректин) тилинде «антропос» – «адам», «онума» – «ысым» деген маанилерди билдирет (8-бет). Башкача айтканда, биринчиси – «жерсуу» аталыштарын, экинчиси – «адам ысмын» изилдеген илимдер болуп саналат.
Эмне үчүн жер-суу аталыштары жана адам ысымдары Тил илимине тиешелүү? Анткени алар адегенде «сөз», ал эми сөз – ал Тил илими изилдөөчү объект.
Биз эгемен эл, эркин өлкө болгондон бери жер-суу жана айыл-шаар аттарын алмаштыруу менен аябай алаксып, бирок адам ысмын «алмаштырууну» көңүлгө албай келатабыз. Тагыраак айтканда, Улуттук адам аттарын калыбына келтирүүнү али ойлоно элекпиз. А чынында, жер-суу аттарынын улуттук аталыштары Тил илиминин өнүгүшү үчүн кандай зор мааниге ээ болсо, Кыргыз адам аттарын калыбына келтирүү жана аны андан нары өнүктүрүп, байытуу Улуттук аң-сезимди калыптандырууда андан да чоң мааниге ээ. Анткени «ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги».
АНТРОПОНИМИЯ ИЛИМИНИН МААНИСИ
Адам аты – Улуттук улуу мурастардын бири болуп саналат. Жогоруда белгилеп айткандай, өзүнүн улуттук мааниси жана аткарган кызматы боюнча коомдо ага зор роль таандык. Ал (адам ысмы) – жалпы адамзат коомунун алдындагы өзүнүн өтөгөн кызматы, түзүлүшү жана келип чыгышы боюнча универсалдуу.
Казак окумуштуусу Махпиров минтип жазат: «Адам ысмы – ал маданияттын жана тарыхый эс-тутумдун өзгөчө бир категориясы».
Эң кызыгы, дүйнө элдеринин мифтерин изилдеген илимпоздор да, Адам атысыз миф жана уламыштар жашабай тургандыгын жазып келишет. Башка жанрлардан айырмаланып, мифологиялык тексттердин өзгөчөлүгү ушундай… Ошондуктан бардык мифологиялык система жөнүндө сүйлөйбүзбү, же кээ бир мифтер тууралуу өз алдынча сөз кылабызбы, адам ысмы анын жападан жалгыз булагы болуп саналат.(Мифы народов мира,1991-ж.508-бет.)
Мындан биз, Антропонимия илими – адамга, же адамдардын кайсы бир тобуна берилчү ысымдардын жыйындысы катары Ономастика илиминин өзгөчө бир бутагы катары эсептелерин көрөбүз.
Биз байыркы тарыхыбызды антропонимдер аркылуу таанып атканыбыз бул кашкайган чындык. Илимпоздор белгилегендей, антропонимия жалгыз гана мифтер үчүн эмес, биздин байыркы тарых үчүн да кээде жападан жалгыз тарыхый булактын ролун аткарган учурлары да аз эмес. А чынында, атактуу аалым Бартольд жазгандай, «Эки тилдүү кытай-түрк эстеликтеринде сакталган байыркы түрк жазуусун чечмелөө антропонимдерди окуудан башталган» (Бартольд, 26.)
Антропонимия кеңири маанисинде айтканда, азыркы учурда да коомдун ар бир мүчөсү үчүн өтө зор мааниси бар (Махпиров, 116-бет).
Митрошкинанын жазганы боюнча, «адам ысмы үрпадаттардын, каада-салттардын, диний ырым-жырымдардын жана алардын предметтик атрибуттарынын сөз түрүндөгү көрүнүштөрү катары жаралган. Ысым кандайдыр бир социумдун чегинде адамдын иш жүзүндөгү талаптарын канааттандыруу үчүн адамдын ким экенин белгилөө кызматын гана эмес, ошондой эле ал жашап жаткан коомду чагылдырып, анын маданиятынын абалын да көрсөтүп турат» (Митрошкина, 1987-ж. 3-бет.)
Андан сырткары байыркы коомго, бир тектен тараган топторду башка топтордон айырмалап туруу мүнөздүү болгон. Тагыраак айтканда, уруу ичиндеги кээ бир уруктар өздөрүн башкалардан бөлүп көрсөтүү үчүн өздөрүнө таандык өзгөчө бир ысымдарды алып жүрүшкөн (116–117-беттер).
Жөн жеринен байыркы бабалар: «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп айтышкан эмес. Алар адам ысмына өтө этият жана ыйык мамиле жасашкан.
АДАМ ЫСМЫНЫН БЕРИЛИШИ ЖӨНҮНДӨ
Азыркы Орус элинин ысымдарын изилдеп, М.Горбановскийдин жазганы боюнча, «наристеге ат берүү бийлигин толук колуна алган чиркөө, байыркы орус аттарын коюуга тыюу салып, аны христиан ысымдары менен алмаштырган. Дээрлик, бүгүнкү орус аттарынын сөздүгүнө кирген орус адамынын ысымдары христиан дининин өкүлдөрү аркылуу Византиядан келген. Ал эми бул ысымдын түпкү тамырлары болсо грек, латын жана көптөгөн чыгыш тилдеринде жатат» (М.Горбановский, 1987-ж. 113-бет).
Ал андан нары сөзүн улантып мындай дейт: «Көпчүлүк түрк тилинде сүйлөшкөн элдерде түрк ысымдары эмес, араб же иран тилинен келген адам аттары басымдуулук кылат».
Ошондон улам бир жолу өзүмчө олтуруп минтип ойлондум: Балким, көп ысымдардын түшүнүксүз болгону ушундан уламдыр? Бирок иликтей келгенде, башка элдерден кирген аттарга караганда, өзүбүздүн байыркы бабалар алып жүргөн ысымдар көбүрөөк «табышмактуу» болуп чыкты. Алар жөн эле сөздөр эмес болчу. Ошондо мен чын эле «ат Асмандан берилерине, ал Теңирдин белеги» экенине көзүм жетти.
ӨЗ ЭЛИҢДИН БАРКЫН, ӨЗ ЫСМЫҢДЫН МААНИСИН БИЛ
Акын Рамис айткандай: «Саламдан эле билинет адамдын кандай экени». Кандай ата-эне баласына, же кызына маанисин өзү түшүнбөгөн ысымды берет? Албетте, мындай жеңил ойлуулук, түшүнүгү тайкы, түркөй адамдын гана колунан келиши мүмкүн?
Башкача айтканда, баланын атынан эле анын ата-энесинин маданияты, билиминин деңгээли, тарыхый түшүнүгү, эстетикалык табити жана жалпы улуттук аң-сезими көрүнүп турат. Ата-эне балага жагымдуу, өзүнө ылайык келген, кийин өзүнүн теңтуштарына күлкү болбогудай ысымды тандап берүүгө милдеттүү. Жөн эле бирөөдөн уга салып, мааниси түшүнүксүз атты балага «жабыштыра» салуу – түркөйлүктүн белгиси. Баланын ысмында атаэненин үмүтү, тилеги ой-максаты, өмүрдүн кайсы бир сырлары камтылып турганы кызык.
Албетте, аты жок адам болбойт, жаманбы, жакшыбы, жарык дүйнөгө келгенде, ар кимдин өзүнүн ата-энеси азан чакырып энчилеп берген аты болот. Бирок баарыбыз эле бул ысымды кандайча алып жүргөндүгүбүздү, ал эмнени түшүндүрөрүн биле бербейбиз. Мас адамды көлөкөсүнөн билгендей эле, илгерки адамдар биринчи көргөн адамын атынан эле анын ким экенин баамдашчу экен. Азыркылардын ысымдарынан андай өзгөчөлүктөрдү көрүү кыйын. Көптөгөн жаштардын аттары чет тилдерден кирген, мааниси түшүнүксүз ысымдарга толо.
Кайсы жылдары эле эсимде жок (анткени ортодон бир топ жылдар өтүп кетти), чет өлкөгө барып келген бир кыргыз чиновниги, баласына ошол жактан угуп келген бир ысымды бериптир. Кийин маанисин сураштырса, ал биздин тилде «үлүл» дегенди билдирет экен. «Кыргызда ушунча жайнаган сонун адам аттары турса, чет өлкөдөн таап келип, мага койгон аты «үлүл» экен деп, тигил жигит атасына нааразы болуп, ысмын алмаштыра албай жүргөнү эсимде. Мындай өз улутунун асыл-нарктарын жээрип, башка улутту башына көтөрүп жүргөн нигилисттик сезим биздин элде дагы деле күчтүү. Мунун баары өзүн билимдүү ойлогон адамдардын түркөйлүгүнөн болууда. Болбосо, өз элинин «арстан», «кабыланынан» кантип чет өлкөнүн «үлүлү» артык болсун?
Бул көрүнүштү мисал менен мындай түшүндүрсө болот: Бийик тоонун чокусуна чыгып бараткан адамга, чыгып бараткан тоонун чокусу көрүнбөйт. Ал эми кайсыл тоонун бийиктиги канча экенин бийик тоонун чокусуна чыгып бараткандар, чыкканда гана түшүнүшөт. А чынында, бөлөк элдин маданиятынын деңгээли канча экенин, өз элинин маданиятын рухий тулкуна сиңиргендер гана баалай алат. Кыргыз элинин мындай эң сонун макалы бар: «Бирөөнүн каргасы куш көрүнөт, бирөөнүн катыны кыз көрүнөт». Ошондуктан ар бир адам өз ысмынын маанисин жакшы билиши керек.
Чынында, адам ысмы биз кайдыгер мамиле жасай тургандай иш эмес. Ал Улуттун жүзүн көрсөтүп турчу улуу мурастардын бири. Жөн жеринен ата-бабаларыбыз: «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп айтышкан эмес.
ЫСЫМ ЖАНА АДАМДЫН ТАГДЫРЫ
Байыркы коомдо жашаган адам үчүн ысымдын ролу өзгөчө болгон. Алардын түшүнүгү боюнча, адамдын аты менен анын табияты органикалык жактан байланышта каралган. Андан башка, ысым «коргоочу» катары, б.а., өзүн алып жүргөн адамды ар кандай жамандыктардан, кара күчтөрдүн зыянынан сактоочу, колдоочу кызматты да аткарган (Бестужев-Лада, 1968-ж. 132-бет.).
Ошентип ысымдын дагы бир өзгөчөлүгү болуп, ысым менен аны алып жүрүүчүнүн табиятынын окшоштугу саналат. (Огибенин, 1966-ж. 216-бет.).
Ысым – бактылуу болуунун бир сыры. Ал ошондой эле бала өмүр бою алып жүрүүчү ата-эненин алгачкы баа жеткис белеги. Андыктан балага ат берерден мурун ата-эне улуу-кичүү менен кеңешип, илимий «сөздүктөрдү» карап, ата-бабалардын жакшы салттарына, тажрыйбаларына таянып, өз мезгилине жана заманына жарашкан ысымды тандаш керек. Мисалы, буряттардын салты боюнча, ушул күндө да балага атты даанышман, астрологияны жакшы түшүнгөн адамдар беришет.
Илимий маалыматтар, жаман ысымды алып жүргөндөр башка адамдарга караганда психологиялык ооруларга төрт эсе көп чалдыгарын айтат. Чикаголук врачтардын изилдөөлөрүнө караганда да, адамдын ысмы анын мүнөзүнүн калыптанышына, ден соолугуна чоң таасирин тийгизет. Алардын далилдери боюнча, «күлкүлүү» атты алып жүргөн бала, дайыма коргонуу абалын ээлеп, айлана-тегерегиндегилер менен нормалдуу жашоонун аракетинде болот. Адамдын атын бурмалап, тамашалоонун өзү да ал ысымды алып жүргөн адам үчүн оор сокку болушу мүмкүн?
Ошондуктан байыркы замандарда астрологдор: «Адамдын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму жана ким болору анын атына жараша болот» – деп айтышкан. Адамдын аты менен ойноо – ал от менен ойногонго барабар. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп айтышкан эмес.
ЫСЫМ ЖАНА ГЕНЕФОНД
Байыркы огуз элдеринин салтында, перзент төрөлгөндөн 40 күн өткөндөн кийин, «ат коюп бергиле» деп аксакалдарды чакырышкан. Башкы бакшы, олуя, көзү ачык жана билги адамдар баланын күнүн, айын тактап, асман кубулуштарына байкоо жүргүзүп, өңү-түсүнө, маңдайына, жылдызына көз салып, анан анын тегине жана өзгөчө белгилерине ылайык ат беришкен.
Ошондой эле «бир эле адамдын бир нече сөздөн турган ысмы анын үй-бүлөдөгү, уруктун ичиндеги айрыкча анын ата-бабалар менен болгон байланышын көрсөтүп турган белги болгон» (Иорданский, 1982-ж. 242-бет).
Мифологиялык түшүнүктө ысым – ошол атты алып жүргөн адамдын ички дүйнөсүн жана анын ким экенин билдирет. Башкача айтканда, наристеге жаңы ысым берилип жатканда, ага ат берип жаткан даанышман кишилер баланын «келечегине» көз салышкан. Ошентип ысым менен форма, башкача айтканда ысым, өзүн алып жүрүүчүнүн тагдырын айтып турган. (Мифы народов мира, т.1, 508-бет).
Жылдыз санагычтардын айткандарына караганда да, адамдын аты ата-бабалардан келаткан урук-тукумдун жолун аныктап турат экен. Бабаларыбыз адам төрөлгөндө: «Асманда анын жылдызы кошо төрөлөт» – деп айтышкан. Астрологдордун маалыматтары боюнча, адамдын аты дал ошол жылдыздын пайда болушуна, жайланышына, өңүтүсүнө байланыштуу берилиши керек. Туура эмес атты алган бала дайым адашып жүрөт, адашкан адамдын тагдыры чаташып, аны башка жолго багыттайт, башка жолго түшкөн бала эч качан максатына жетпейт. Ошондуктан балага ысым берүүдө өтө этияттык жана билгичтик талап кылынат. Байыркы бабалар адамдын төрөлүшүнө жана ага берилчү ысымга өтө маани беришкен. Ошондуктан ата-эне, айрыкча өзүнүн ата-бабалары алып келаткан ысымдарга өзгөчө көңүл бурушу керек. Алар жөн жеринен: «Ат Асмандан берилет, ал – Теңирдин белеги» – деп айтышпаган.
Биздин байкообузда, Улуттук салтты жана наркты билген акылман ак сөөк адамдар эч качан балдарына «жаман ат» берген эмес. Анткени алар балага ат берерден мурун Асманга кайрылышкан. Өзүнө кайрылган адамдардын баласына, Теңир өзүнө жараша ат берген. Асман эч качан адамдарга: «Саткын», «Туткуч», «Майкөтөн», «Малай», «Маймыл», «Күчүк», «Сасыкбай», «Кемпирбай» ж.б.д.у.с. ысымдарды бермек эмес. Мындай аттарды адамдар өздөрү берет балдарына. Асманда мындай «сасыган» ыплас ысымдар жок. Алардын баары Кудай менен иши жок кул-кутандарда жана адам ысмы эмне экенин түшүнбөгөн маңкурттарда. Мунун өзү байыркы адамдардын ысымдарынан эле алардын кимисинин аты Асмандан алынганын, кимисиники Жерден табылганын билүүгө болот. Жөн жеринен байыркы бабаларыбыз: «Аты Асмандан берилет,– ал Теңирдин белеги» – деп айтышпаган.
ЫСЫМ ЖАНА АТЫ ЖОК АДАМ
Кээ бир элдерде аттын ролу адамдын коомдон алган ордун аныктаган учурлар болот. Мисалы үчүн индеецтердин кайсы бир уруусунун мындай бир кызык салты бар экен: Бирөөдөн бир нерсе карызга сурап алган адам, ордуна ысымын таштап кетет. Анан ошол карызынан кутулмайынча, ысымсыз жүрөт. Уруунун адамдары ага кайрылганда атын айтып кайрылышпайт. Бул «ысмын карызга берген адам» үчүн өтө чоң кемчилик болуп саналат. Эгер айткан убагында карызынан кутулбаса, анда аны «аты жок» адам деп, айбан менен бирдей карап коомдон четтетип салышат.
Мындай салт байыркы биздин бабаларыбызда да болсо керек. Анткени ушул убакта да, тааныш адамдар бирибирине атын айтып кайрылышат. Эгер бирөө жарым «эй!» деп кайрылса, «мен сага «эй» эмесмин менин атым бар» деп экинчиси аны жаман көрөт. Кээ бир адам аны кемсинтүү катары кабыл алат.
Азыр көп салттар, үрп-адаттар чет элден кирген жеңил баа адаттар менен аралашып, акырындап жок болууда. Жаштар көп нерселерге башкача көз караш менен карашып, башкача ой жүгүртүшүүдө. Бирок ар бир мезгилдин жакшы-жаманы болгондой эле, биздин дүркүрөп өскөн кылымдын да «караңгы» жактары көп.
Аны жок кылуунун жолу бирөө гана: Улут өз заманына жараша билим алууга умтулушу керек. Анткени билимдүү элди эч ким алдай албайт, эч ким шылдың кыла албайт, билимдүү элдин уул-кыздарынын ысымдары да ой-келди коюлбайт. Билимдүү өзүн өзү тааныган эл, адам ысмына кайдыгер мамиле жасабайт. Анткени аң-сезимдүү эл «ат Асмандан берилерин, ал Теңирдин белеги» экенин жакшы билет.
ЭЛДИК АНТРОПОНИМДЕР
Бала кезде жакшы атты алып жүргөн адам, эр жеткенде жаман атка ээ болуп калган учурлар да болот. Мисалы үчүн, мен моюну кыска, бою корто, курсагы салаңдаган Бешурат аттуу бирөөнүн эл койгон аты «Дындык бий», көзү бүтүгүй, уйкучу Ботой акенин эл берген ысымы – «Жумук көз», сөз ташып жүргөн кызматы үчүн, башкарманын жардамчысы Таалайдын эл койгон аты – «Бузук телефон» экенин билгеним бар. Бул өлбөс-өчпөс элдик юмордун бир көрүнүшү.
Бир жолу сөздөн-сөз чыгып олтуруп, менин таанышым өзүнүн айылындагы бир жигиттин эл койгон аты – «Боже мой» экенин кеп салып калды. Атынан эле, ал бир Кудай урган «маңкурт» экенин түшүндүм.
Ошентсе да, ал бул ысымга кандайча ээ болгонун кызыгып сурадым.
Алтымышынчы жылдары (анда солдаттар үч жыл кызмат кылышчу) бир ысык-көлдүк жигит аскерден мөөнөтүн бүтүрүп жолдо келе жатканда, айылдагы багып чоңойткон чоң энеси өтүп кетиптир. «Элин, жерин сагынып калган неме, чогулган элди көрүп «чоочуп» жүрбөсүн алдынан тосуп чыгып, кабар берип, акырын алып келгиле» – деп аксакалдар эки-үч жолдошун жиберишиптир. Жолдоштору карыялар айткандай солдаттын жолунан утурлашып, кучакташып көрүшүп, ал-жайын сурашат экен. Тигил болсо, орусча сүйлөп: «Все нормально» – деп, кителине жабышкан чөптү чертип кагып, жалтылдата майланган жаңы өтүгүнө жуккан чаңды бет аарчысы менен аарчып коёт имиш. Ал кезде чын эле эркек балдар негизинен армиядан орусча сүйлөгөндү үйрөнүп келишчү. Жаңы келгенде бири таза, бири аралаштырып сүйлөп, солдат каадасын кылышар эле. «Үч жылдан бери кыргыз көрбөй, тили кичине бурулуп калыптыр» – деп, ата-энеси бир аз актанып, эл да анча өөн көрүшчү эмес. Кантсе да эне тили эмеспи, тез эле анан өз тилине өтүп кетишчү. Бул жигит, бирок Кудай уруп, таптакыр эле орусча сүйлөп туруп алыптыр. Жанагы үчөөсү кичинекейлеринен бирге өскөн достору экен (алар деле аскерге барып келишип: «Эми досум, көп эле каадасынан ашырып ийгениң болбойт, анча-мынча өзүбүздүн тилден да аралаштырып сүйлө, уят болот» дешсе деле: «Не понимаю» – деп эки ийинин куушуруп коёт имиш. Деги боло турган эмес дейт. Акырында айлалары кеткен жолдоштору: «Кече түнү чоң энең кайтыш болду, эл сени келатат деп күтүп турушат, тосуп чыкканыбыздын себеби да ушул» – дешип, түз эле айтышыптыр. «Ничего не понимаю, что вы говорите?» – деп кайра тигиниси таптакыр эле алаканын жайып, көздөрүн алайтат имиш. Ошондо бирөөсү чыдай албай: «Вчера ночью твоя бабушка умерла!..» – деп колун жаңсап, кыйкырып жибериптир. Иштин жайын эми түшүнгөнсүп, тигил ошондо: «Боже мой!» – деп башын мыкчып туруп калат. Берки үчөөсү айласы жогунан, ыйлагандын ордуна күлүшүп, ошондон кийин аны «Боже мой» деген атка кондуруп ийишет. Эл ичинде, элдин оозу менен адамга атты «Асман берерин, анткени ал Теңирдин белеги» экенин кеп кылган сөз бар. Бул кашкайган чындык сыяктанат.
КОЧКОРБАЙ АКЕ
Биздин Аплатун айлында да өмүр бою чабан болуп иштеген (азыр пенсияда) Кочкорбай деген киши бар. Ал киши кой багып жүргөндө саноону билчү эмес, аялы саноочу. Бирок өзүнүн беш жүздөн ашуун ак коюн өңүнөн таанычу. Жаш кезибизде ушул кишинин жолдошторуна, башка адамдарга койгон аттарын эстеп, көп күлчүбүз. Бою жапыз болгону үчүн – «жапалак арча», сылаңкороздугу үчүн – «сылама», иштеп атып эле жолдошторунан: «Барып келе коёюн» – деп суранып кетип, көпкө жоголуп кетмей адаты үчүн – «барып келе коёюн», «деп коюң» дей берген сөзүнөн улам – «деп коюң», узун чач коюп, бирок тарабай жүдөгөнсүп жүргөнү үчүн – «үрпөк чач», бейсалакы, албеттүү денесинен улам – «аюу», темир тишине карап – «кашка тиш», өтө эле семиз болгондуктан – «бегомот» деген аттарды коюп чакырышканы эсимде. Бул тизмеге эл койгон дагы мындай аттарды киргизүүгө болот: «Пингвин жеңе», «Сагызган чапан», «Ашкабак баш», «Жалдырама», «Дипломат», «Философ», «Буржуй», көрүнгөндүн тилине кире берме, чоңдор эмнени айтса ошону кайталап, туура келсе-келбесе деле аткарууга аракет кыла бермей адатынан улам бир раисти – «Тоту куш» деп атаганын билчүбүз.
Эң кызыгы Кочкорбай акенин өзүн келиндер: «Койдун эркегиндей аттуу акебиз» – деп тергешчү. Дал ушул сыяктуу эле Акыралы деген жакын жолдошумдун жеңелери Таластагы анын атасы Алтымыш аксакалды – «Эки отуз аке» деп чакырышарын айтып күлүп жүрөт.
Көп учурда эл, адамдын ата-энеси азан чакырып койгон атын унутуп калып, Кочкорбай аке сыяктуу адамдар койгон ат менен айтып калган учурлар айыл жергесинде көп. Мунун өзү Асман ушундай адамдардын оозу аркылуу адамдарга ат коёрун түшүндүрөт.
Ушул окуяга байланыштуу эскилерден калган мындай бир эски сөз бар. Илгери аксылык бир киши өзүнүн эл койгон жаман атынан уялып, Таласка таякелерине көчүп кетип калыптыр. Анан «унутуп калышкандыр» деп ойлоп, он-он беш жылдан кийин кайра өзүнүн туулуп-өскөн айлына көчүп келсе, учурашканы келген адамдар баягы эле эл койгон аты менен атап көрүшүп жатат дейт. Ошондон улам, япондордун: «Жолборстун териси, адамдын аты калат» деген макалын эстеп, анын калетсиз чындыгы бар экен деп ойлоном. «Жердин түбү Желпинишке кетип калсаң деле, эл сени өзүнүн берген аты менен атап, эстейт» – дешет карыялар. Бекеринен байыркы бабаларыбыз: «Аты Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп айтышпаган.
Дагы бир эски сөз: илгери бир жигиттин аты – «Дөбөт» болуптур. Күйөөсүнүн ушундай атынан жакшынакай, жаш келинчеги уялат экен. Анткени «эл оозунда элек жок» демекчи, ар ким ар нерсени айтат экен. Жаман көргөн катындар: «Дөбөттүн канчыгы келатат…» – деп шыбырашат экен. Сиңдилери тамашалап: «Дөбөт жездем кандай күчтүү элеби?» – деп сурашат экен. Кайнилери тийишип: «Биз да чоңоюп калдык, эртерээк Дөбөт акемин ордун бассак болот эле» – дешет экен.
Жаш келин ушундай сөздөрдөн тажап, бир күнү анан күйөөсүнө минтип айтыптыр: «Сен өзүң жакшынакай эр-азамат болсоң, анан атың «иттин эркеги» болсо, эртең балдарың өсүп-чоңойгондо теңтуш балдар шылдыңдап: «иттин баласы» деп басынтып коюшат, минтип жүргөнүң болбойт, ушундай кезде атыңды өзгөртүп алсаңчы» – дептир. Күйөөсү макул болуп, бир мал союшуп, улуу-кичүүнү чакырышыптыр. Анан чай ичилип, тамак желип болгондон кийин жигит аксакалдарды чакырган жөн-жайын айтыптыр. Аксакал-көксакалдар нары-бери ойлонуп отурушуп, ичинен бир ат койгуча: «Болуптур анда, жакса атың мындан кийин Күчүк болсун» – дептир. Жигит макул болуп, эл бата берип тарап кетиптир. Келин казантабак менен алаксып жүрүп, күйөөсүнө эл эмне деп ат бергенин укпай калат экен. Эл кеткенден кийин сураптыр: «Ой, айткандай, атың эмне болду, эл эмне деди?» – деп. Жигит эл берген атын айтат. Ошондо келинчеги санын чабат дейт: «Иий, шорум бар, атың баары бир эле «ит» бойдон калган турбайбы, бүгүн «күчүк» болсоң, үч айдан кийин кайра эле «дөбөт» болосуң да?!»
Мунун өзү, биринчиден, ата-эне балага ат берерде жакшылап ойлонуш керек экенин, экинчиден, «жакшы атка» ээ болуш татаал маселе экенин айтып турат. Айрыкча азыркы учурда өтө ойлонуу керек. Анткени азыр адамдарга бир эле жолу ат берилет. Жөн жеринен байыркы ата-бабаларыбыз: «Аты Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп айтышпаган.
«ЖАЛГАН АТТЫН» ЧЫН АТКА АЙЛАНЫШЫ
Антропонимдер, башка тарыхый булактарга караганда өзгөчө социалдык функцияны аткаруу менен бирге жеке адамдын өзүнө таандык инсандык белгилерди көрсөтүп турат. Мисалы, тарыхта: Ленин, Сталин, Горький, Неруда, Несин сыяктуу «жалган аттары» (псевдоним) менен дүйнөгө таанылган адамдар көп. Башкача айтканда, «жалган ат» өзүнүн «чыныгы атына» айланып, ошол ысымы менен түбөлүк эл оозунда айтылып калган улуу уулдар аз эмес. Алар эл тарабынан «экинчи атка» ээ болгон Балыкооз, Жеңижок, Тоголок Молдо ж.б.д.у.с. адамдардан айырмаланып, өздөрүнүн «экинчи аттарын» (псевдонимдерин) өздөрү тандап алышкан.
Ушул ысымдар аркылуу биз аларды улуу инсандар катары билебиз. Дал ушул ысымдардын (ата-энеси берген эмес) ичинде алардын «адамдык» касиеттеринин сырлары катылып жатат. Алардын дал ушул ысымдары өздөрүнүн ички туюмдары аркылуу «Асмандан берилген». Ошол үчүн алар улуу инсандарга айланып калышкан.
«ЭР АТЫ», же эки жолу ысымга ээ болуу салты
Байыркы түрк коомунун антропонимиялык системасынын дагы бир чоң өзгөчөлүгү анын «көп ысымдуулугунда» болгон. Тагыраак айтканда, анын ак сөөк катмары өзүнүн тегине, коомдук-саясий тепкичтердеги ээлеген ордуна, кылган кызматына, жасаган эрдигине жана аскердик даражасына жараша жаңы ысымга ээ болуп, аттарын өзгөртүп турушкан (118-бет).
Тарыхта, түрк жана карахан тегинен чыккан хандар эки тизгин бир чылбырды колуна алып такка отургандан баштап, жаңы ысымга ээ болгону көп эскерилет.
Бул факты изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун туудуруп, аларды андан ары чечмелеп түшүндүрүүгө апкелүүдө. Мисалы, Л.Н.Гумилёв минтип жазат: «Түрктөр европалыктар сыяктуу, төрөлгөндөн өлгөнгө чейин бир эле ысымды алып жүргөн эмес. Түрктүн аты ар дайым анын коомдогу ордун көрсөтүп турган. Бала кезде ал эркелеткен, өспүрүм кезинде тегин билдирген ысымды, эр болгондо эл берген атты, а эгер хан болсо, анда ал бийликтин тепкичине жараша даражасына ылайык ысмын өзгөрткөн» (Л.Гумилев, 1967-ж. 90-бет). Демек, мындан өз өмүрүндө «эки же үч ысымга» ээ болуу – ал биздин ата-бабалардын ак сөөк эл башкарган төбөлдөрүнө тиешелүү салт болгонун көрөбүз. Андан башка, эркек адам өз өмүрүндө «эки жолу» ысымга ээ болгон. Биринчи жолу ага атты ата-энеси берген. Андан кийин эр жеткенде эрдик көрсөтүп, эл тарабынан экинчи ысым ыйгарылган. Дал ушул «экинчи ысым» анын чыныгы аты катары эсептелген.
«ТҮШҮНҮКСҮЗ ЫСЫМДАР»
«Адамдын аты түшүнүктүү болуш керек» деген сөзгө мен толук кошула албайм. Анда биз маанилери түшү нүксүз, ата-бабалар алып жүргөн: Манас, Кошой, Төштүк, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Көкчө, Кыяз, Серек, Ыраман, Үрбү, Көгөй,Тагай, Көлөй ж.б.д.у.с. ысымдарды коюудан баш тартышыбыз керек. Анткени бул ысымдардын маанилерин бүгүн биз түшүнбөйбүз? Бирок ал түркөйлүк жана маңкурттук болор эле. Эгер бул ысымдар чет өлкөлүк, «башка үй-бүлөнүн тилиндеги» аттар болсо, анда бир жөн.
Өйдө жакта белгилеп жазгандай, баланын атында атаэненин үмүтү, тилеги, ой-максаттары камтылып, андан улам ал ичине сыр катып, адамды кызыктырып турганы туура. Балким, адам атынын баалуулугу да ошондондур? Эгер ысымдардын баары эле түшүнүктүү болсо, анда антропонимия илими жаралбас эле. Анан да, адам аты эч качан толук түшүнүктүү болушу мүмкүн эмес. Анткени, анда миңдеген жылдардын тарыхы, канча элдердин аралашкан маданиятынын катмарлары жатат. Аларда тектеш жана тектеш эмес башка элдердин салымдары да бар. Антропонимия илими «адам атын» тарыхый эстелик, улуттук баалуу мурас катары карап жатканы да ошондон.
Башкасын айтпаганда да, Кыргыз элинин «оозеки тарыхы» катары эсептелген санжыра дээрлик жалаң адам аттарынын тизмесинен турат. Алардын ички сырларын ачып, ал аркылуу тарыхка тактык киргизүү жана тил илимин өнүктүрүү – ал бүгүндөн башталган келечектин улуу иштеринин бирине айланууга тийиш.Бирок, тилекке каршы, адам аттарын изилдөө дайыма эле ийгиликтүү чечиле бербеген оор, татаал жумуш. Башкача айтканда, «адам аттары – эл тарыхынын бир бөлүгү» болгонуна карабай, ушул убакка чейин бизде, ага жеткиликтүү көңүл бурулбай келатат. Бүгүнкү күнү «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» деген сөзгө көпчүлүк кыргыздар жакшы түшүнө беришпейт. Туура эмес берилген атына жараша туура эмес мүнөз калыптанып, адамдардын көбү адашып жүрүшкөндүктөрүн аңдашпайт. Ошондуктан атаэне балага, «Асмандан берилген» ысымды гана бериши керек. Андай ысымдар ар бир элге ата-бабалардын аттары аркылуу берилет.
ИСЛАМ ДИНИ ЖАНА УЛУТТУК ЫСЫМДАР
Ислам дини орногондон кийин, ата-бабаларыбыздын түпкү ысымдары акырындап жарыгын өчүрө баштады. Күн өткөн сайын Айга, Күнгө, Жылдыздарга байланыштуу коюлган аттар азайып, наристелерге Курандан Абдырахман, Абдырасул, Абдылда, Муканбет, Абдымалик ж.б.д.у.с. арабча ысымдар бериле турган болду. Ушул фактыга байланыштуу орто кылымдардагы огуздар жөнүндө академик В.А.Гордеевский минтип жазат: «Огуздар өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет. Бирок бул алардын сырткы көрүнүшү, аларда узакка чейин эки ысымды алып жүрүү салты сакталган: жаңы мусулман аттары жана байыркы уруулук ысымдар. Байыркы ысымдарын сактоо менен огуздар: «Бөлөк элдин ысымын алуу, демек, бөлөк элге жан тартып, жашоо деген сөз» – деп айтышкан.
Байыркы бабалардан келаткан салттарды ыйык сакташкан огуздар, араб ысымдарынын киришине катуу каршылык көрсөтүшкөн. Айрыкча жоокерлер, ислам дининин кабыл алынганына карабай, көпкө чейин негизинен эски аттарды алып жүрүшкөн. Бирок илимпоздор белгилеп жүрүшкөндөй, бүгүнкү күнү огуздарда (түрк элдеринде) араб, иран тилинен кирген ысымдар басымдуулук кылат.
Ал эми кыргыздарда болсо, күн өткөн сайын абал өзгөрүүдө.Улуттук аң-сезим калыптанган сайын адамдар түпкү башатка, ата-бабалардын «асмандан берилген аттарына» кайра кайрылышууда. Кийинки мезгилдерде кыргыздар уул-кыздарына түпкү бабаларыбыздын (Бакай, Кошой, Чубак, Сыргак ж.б.) аттарын көбүрөөк коё баштаганы байкалууда. Кыясы, «убакыт баарын өз-өз ордуна коёт окшойт».
УЛУУ, ЫЙЫК ЫСЫМДАР ЖАНА АЛАРДЫН ТҮПКҮ МААНИЛЕРИ
Мен динге, Кудайга алып барчу жол катары мамиле жасаган адаммын, ошондон улам диндин өзүндө динден башка да көп нерселердин бар экенин жакшы түшүнөм. Андыктан айтайын дегеним, Кыргыз адам аттарынын ичинен: Манас, Кошой жана Төштүк – ушул үч ысым ыйык, кол тийгис бойдон калуу керек. Бул ысымдарды балдарга берүү жолу менен эмес, башка жолдор менен жайылтууну ойлонуу зарыл. Анткени бул «үч ысым» бүгүнкү Кыргыз элинин «Үч Канатынын» тамырлары менен, ал эми түпкү маанилери «улуу Кудай», «ыйык тотем» жана «сырдуу дух» менен байланышкан. Мына карап көрөлү:
Манас:
- Ман – байыркы арий тилинде «адам» дегенди билдирет.
Ал эми «ас» кыргыз тилинде «асманга бийиктикке» байланышкан түшүнүк, байыркы герман урууларынын мифтеринде болсо, «ас» – «Кудай» дегенди түшүндүрөт.
Мааниси: «Кудай-адам», «Асмандан түшкөн адам»,«акыл-эстүү адам».
Кошой:
- Байыркы арий мифи боюнча, «Гош»– «ыйык бука» дегенди түшүндүрөт. Демек, Кошой бабабыздын аты – «ыйык бука», «күчтүү бука», «күн бука» деген маанилерди берет. Гош-гос-гус-кус-гуз-хуз болуп өзгөрө берет. Төштүк:
1.Алтай-Сайан элдеринин тилдеринде «төш»(«төс») «дух» деген мааниге ээ. «Түк» – «тек» («тегин») деген сөздүн өзгөргөн формасы болсо керек. Демек, Төштүк» бабабыздын ысмы «духтан жаралган», «теги дух» деген маанини түшүндүрөт.
Жогорку ысымдардын өзү жөн жеринен байыркы атабабаларыбыз: «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» деп айтышпаганы көрүнүп турат.
«ҮЧ ЖОЛ»
Жогоруда М.Горбановский: «Түрк элдеринде нукура түрк аттары эмес, араб, иран ысымдары басымдуулук кылат» – деп жазганын айттык. Бул сөздүн, албетте, кыргыздарга да тиешеси бар.
Илимде Улуттук адам аттары «үч жол» менен байып отурары белгиленген. Ал жолдор булар:
- Генетикалык жол, демек, буга түпкү бабаларыбыздан бери карай үзүлбөй коюлуп келаткан Бакай, Кошой, Чубак, Сыргак ж.б. аттар кирет.
- Өтмө жол (контактный). Жанаша жашашкан ар кандай элдердин аттары сөзсүз бири-бирине өтөт. Кыргыз адам ысымдарында да монгол, иран жана араб тилдеринен кирген аттар көп. Бирок элге сиңмейинче, башка жактан кошулган ысымдын баары эле улуттук тилди байыта бербейт. Мисалы үчүн, бир убакта өтө көп коюлуп жүргөн: Абдырахман, Абдырасул, Абдылда ж.б.д.у.с. араб тилинен кирген ысымдар бүгүн дээрлик коюлбай калды. Демек, бөлөк элдерден кирген ысымдарды тандап, аларды өзүбүздүн тилдин мыйзамына баш ийдирип, өздөштүрүп алууну үйрөнүү керек. Менимче, биздин элдин эң негизги кемчилиги – улуттук ысымдарды жасоочу туруктуу компоненттерди али таба элегинде, тагыраак айтканда, «жоготуп алганында» жана бир топ жылдардан бери Кыргыз тил илими өнүкпөй токтоп калганында.
- Окшош жол (типичный). Мында, кыргыздарда: Алтымышбай, Жетимиш деген адам аттары болгондой эле, орустарда да: Шестак, Семен деген аттар болот. Же Среда – Шаршен, Жума – Пятница, Субботин – Ишембек, Жекшембек – Воскресенский ж.б.
Бүгүнкү күнү экинчи жол менен өтүп, Кыргыз элине кеңири тарап жаткан ысымдар катары: Артур-Артур, Эрнест-Эрнис, Рамз-Рамис, Наркес-Нарис ж.б. айтууга болот.
Кандай болгон учурда да балага ысым берүү иши өтө жооптуу иш. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп айтышкан эмес. Теңирдин белегине текеберчилик, же түркөйлүк кылган болбойт.
КЫРГЫЗ АДАМ АТТАРЫН ЖАСООЧУ
КОМПОНЕНТТЕР
Илим үчүн гана эмес, урпактар үчүн да, улуттун түпкү ата-бабалары кандай ысымдарды алып жүрүшкөнү кызык. Экинчиден, байыркы баатыр бабалардын аттары Асмандан берилген. Ошондуктан, биз балдарыбызга ат коёрдо ошол байыркы ата-бабалардын жакшы салттарына таянганыбыз туура. Адамга ат коюуда сөзсүз тартип, эреже болуш керек. Мен бул жолду сунуш кылам. Ал Кыргыз адам аттарын жасоочу «компоненттер» тууралуу ой-пикир:
- «Ас» («ос»-«эс»-«ис» ж.б.) компоненти уңгуга мүчө катары уланганда: Манас, Байас, Тайас, Кыйас, Нийаз, Танас, Апас, Абас, Бакас, Талас, Айаз. Анас; «Аш»: Анаш, Караш, Самаш, Чамаш, Алаш, Аташ; «Ач»: Карач ж.б. өзгөрүмдөр: Агыш, Байыш, Жаныш, Багыш, Каныш, Тыныс, Ырыс, Ырамис, Мелис, Жунус, Дурус, Норуз, Теңиз, Жеңиш, Нарис, Азис, Эрнис, Төлөс, Текес, Ороз, Кеңеш ж.б.
«Ас» («ос»-«эс»-«ис» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Аскар, Аспар, Астар, Астай, Асан, Аслан, Азат, Асхат, Асек, Астан, Аскал, Ашыр, Ашым, Асмар, Аскер, Осмон, Эсен, Үсөн, Исак, Изат, Искен, Ислам, Ысман ж.б.
Кыз балдардын аттары: Асия, Асыл, Асел, Астра,
Асма, Асем, Азада, Азиза, Асина ж.б. Адиса, Аниса, Кундуз, Күмүш, Мейиз ж.б.
- «Ай» («ой»-«эй»-«ей» ж.б.) компоненти мүчө катары уланганда: Кошой, Семетей, Атай, Акай, Бакай, Танай, Тынай, Шадай, Шамай, Кабай, Канай, Тагай, Ырай, Жунай, Кытай, Мамай, Мадай, Нанай, Жанай, Жабай, Абай, Карай, Укай, Турай, Шыгай, Кынай, Кумай, Атанай, Алтай, Алай, Далай, Кутай, Ногой, Кошой, Тотой, Токой, Чомой, Эдигей, Ботой, Метей, Төлөй, Төбөй, Көлөй, Керей, Бөкөй, Көкөй, ж.б.
«Ай» («ой»-«эй»-«ий» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Айтур, Айхан, Айбек, Айташ, Айас, Айдар, Айчоро, Айжигит, Айсар, Айтал, Айан, Айбар, Айдын, Айат, Айгазы, Айман, Аймар, ж.б.
Кыз балдардын аттары: Айчүрөк, Айдай, Айжан,
Айнаш, Айгүл, Айнур, Айчач, Айниса, Айсара, Айжамал, Айзада, Аймончок, Айнике, Айбүбү, Айсулуу, Айкүмүш, Айсалкын, Айкөкүл, Айдана, Айгерим, Айзада, Айкыз, Айканыш, Айша, Айна, Айнек, Айпери, Айзура, Айбарчын, Айнина, Айым, Айсана, Айбике, Алтынай, Акылай, Бегимай, Гүлай, Нурай, Токой, Упай ж.б.
- «Ак» («ок»-«эк»-«өк» ж.б.) компоненти мүчө катары уланганда: Төштүк («төштүү-ок», «төш-тек»), Сейтек («сайат-ок», «сай-тек»), Барак, Нурак, Урак, Бурак, Булак, Жумак, Улак, Чубак, Самак, Кыйак, Сайак, Казак, Шапак, Узак, Сыргак, Орок, Тилек, Серек, Төлөк, Малик ж.б.
«Ак» («ок»-«эк»-«өк» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Акай, Акбай, Акжар, Аксай, Акан, Ахат, Акын, Актан, Акпар, Аклай, Аким, Акжол, Акмат, Акназар, Агыш, Акман ж.б.
Кыз балдардын аттары: Акак, Акнур, Акпери, Акия,
Акжибек, Акеркеч, Аксана, Акылай, Актамак, Акбилек, Ашарал, Аксаамай, Жибек, Чүрөк, Мүрөк ж.б.
- «Ан» («он»-«эн»-«ен» ж.б.) компоненти мүчө катары уланганда: Атан, Байан, Сайан, Тайан, Сазан, Базан, Жайан, Улан, Уран, Булан, Кыйан, Дубан, Жуман, Туран, Кычан, Суран, Куран, Папан, Мукан, Саран, Санан, Туман Жолон, Кенен, Борон, Койон, Долон, Нойон, Чотон, Солон, Соорон, Төрөн, Төлөн, Эсен, Мидин, Шамен, Четин, Үсөн, Сагын, Солтон, Матен, Сатен ж.б.
«Ан» («он»-«эн»-«ен» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Анвар, Анас, Анаш, Анат ж.б.
Кыз балдардын аттары: Анар, Анал ж.б.
- «Ал» («ол»-«эл»-«ил» ж.б.) компоненти мүчө катары уланганда: Байал, Тойал, Турал, Урал, Нурал, Апал, Анал, Шамал, Барал, Арап, Карал, Жалал, Камал, Мадал, Масал, Могол, Орол, Оңол, Адыл, Абыл, Кабыл, Көкүл, Эдил, Эмил, Тариэл, Жайыл ж.б.
«Ал» («ол»-«эл»-«ил» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Алмаз, Алман, Алан, Алай, Алаш, Алтай, Алышер, Элеман, Элдияр, Элик, Элдар, Элебай ж.б.
Кыз балдардын аттары: Алма, Алима, Алмаш, Алымкан, Алтын, Апал, Марал, Кыйал, Кынал, Сынал ж.б.
- «Ат»(«от»-«эт»-«ит» ж.б.) компонентинин мүчө катары уланганда: Арат, Барат, Марат, Самат, Азат, Казат, Абат, Сайат, Байат, Дулат, Кыйат, Жанат, Кубат, Мамат, Садат, Манат, Турат, Мурат, Апат, Адилет, Асирет, Болот, Дөөлөт, Бакыт, Үмөт, Булут, Совет, Сейит, Медет, Сабит, Мажит ж.б.
«Ат» («от»-«эт»-«ит» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Атай, Атен, Атал, Аташ, Атабек, Атар, Атакан,
Атагозу, Атамырза, Атакул, Атамир, Отор ж.б.
Кыз балдардын аттары: Атыр ж.б.
- «Ар» («ор»-«эр»-«ир» ж.б.) компоненти мүчө катары уланганда: Анвар, Самар, Кумар, Турар, Булар, Базар, Азар, Назар, Улар, Чынар, Данийар, Элдияр, Байар, Тайар, Жанар, Кыйар, Атайар, Ботойар, Бактыйар, Бабайар, Мадийар, Капар, Жапар, Сапар, Санжар, Медер, Омор, Сонор, Насыр, Назар, Кадыр ж.б.
«Ар»(«ор»-«эр»-«ир» ж.б.) компоненти уңгунун алдына келгенде: Арал, Артур, Артык, Аргын, Арап, Арман, Арлан, Аржан, Эрмат, Эргул, Эржигит, Эржан, Эрлан, Эрмек, Эркин, Сэрбото, Эргазы, Эрсары, Эргеш ж.б. Кыз балдардын аттары: Арууке, Арзыгүл ж.б.
СОҢКУ СӨЗ
Биз жогоруда эркек адам аттарын жасоочу «жети» компонентти сунуш кылдык. (Жогоркулардан башка кыргыз адам аттарын жасоочу компоненттерге дагы булар кирет: гуз, аалы, газы, мат, бур, чоро, төрө, мырза, ажы, кул, дар, тур, шад, жигит, берди, мир, мар, хан, жан, чы, лан ж.б.). Башкача айтканда, балдарына ысым берчү адамдарга биз «даяр балыкты бышырып бербестен, аларга кантип балык кармоо керек» экенин айттык. Бул адам аттарын бир системага салуу аракетин жасаган көрүнүш гана. Мындан нары кыргыз адам аттарын ушул «жети» компонент менен чектөө, же калгандарын кошуп кеңири колдоно берүү ишин окумуштуулардын жана интеллигенциянын талкуусуна койдук. Менимче, ар нерседе тартип, бирдей эреже болгону жакшы. Ошондуктан кыргыз адам аттарын жасоочу компоненттердин санын көбөйтүүгө умтулбай, колдон келсе аны азайтуу ишин караш керек. Болбосо, өйдөңкү «жети» компонент жетиштүү. Аны көбөйтүү – ал кайрадан адам аттарын чакчелекей колдонууга, иретсиздикке апкелет. Бул эми адегенде антропонимия илиминде эмгектенип жүргөн окумуштуулардын, анан албетте илимий-чыгармачыл интеллигенциянын иши.
Ар кандай эл жагымдуу, жазылышы жана айтылышы оңой, тил чайналбаган кооз, жакшы аттарды алууга аракеттенет. Мунун эң ишенимдүү жолу – Византия империясы сыяктуу адам аттарынын «тандалма сөздүгүн» түзүү болуп саналат. Ал «сөздүктө» кыргыз адам аттарын жасоочу компоненттер сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш.
Албетте, «Улуттук адам аттарын» калыбына келтирүү жана өнүктүрүү – ал биринчи кезекте Улуттук тил илиминин өнүгүшүнө жараша болчу иш. Улуттук тил өнүкм өйүнчө Улуттук адам аттарын байытуу тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес. «Ат Асмандан берилет, ал Теңирдин белеги» – деп байыркы ата-бабаларыбыз бекер айткан эмес. Ал эми Теңир берсе, ал өзүн сактап, өстүрүүгө аракет кылып жаткан улутка берет. Өзүн сактап, өстүрө турган Улут адегенде тилин сактайт жана аны өнүктүрөт. Анткени баарынын башатында Тил жатат.
РЫСКУЛ ЖОЛДОШОВ
КООМДУК ИШМЕР Т. УСУБАЛИЕВДИН ГЕНЕАЛОГИЯСЫ
(санжыра материалдарынын материалдарынын негизинде)
Белгилүү советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, 1961-1985-жылдары Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жашка чыккандыгына байланыштуу анын ишмердүүлүгүн чагылдырган бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, ал жөнүндө көптөгөн эмгектер басмадан чыгарылды. Т.Усубалиев 25 жылга жакын Кыргыз мамлекетинин башында туруп, өлкө үчүн маанилүү проблемаларды чечүүгө катышып эмгек сиңирген.
Бул инсандын эл астында аткарган эмгеги, Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис. Албетте, узак убакытта мамлекеттик жогорку кызматты аркалап туруп, кандайдыр бир мүчүлүштүктөрдү кетирип алышы дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок Турдакун Усубалиев жетектеп турган мезгилде Кыргызстанда мамлекеттик система чыңалып, өлкөбүздүн экономикасы тездик менен жогорулаган. Анын көптөгөн көрүнүктүү иштеринин ичинен Кыргыз Республикасынын аймактык биримдигин, экологиялык коопсуздугун сактап калууга салым кошкондугу өзгөчө орунду ээлейт.
Совет мезгилинде ар-түрдүү саясий-экономикалык кыр даалга карата Советтик Республикалардын арасында тымызын атандашуу, күрөш жүрүп турган. Ушундай абалдардан Т. Усубалиев иш билгилиги менен билимдүүлүгүнүн аркасында кыргыз элинин намысын коргоп, республиканын кызыкчылыгы үчүн бекем турган. Мисалы Бишкек (ал маалда Фрунзе) шаарынын калкы менен экологиясына коркунуч жараткан Бүткүл Союздук маанидеги ири химиялык заводду шаардын түндүк аймагына куруу тууралуу москвалык долбоорго каршы туруп, москвалык чоңдорго илимий далилдер менен түшүндүрүп, Кыргызстандыктардын кызыкчылыгын сактап калган. Ал завод кийин Казакстандын Жамбыл (Тараз) областынын аймагына түшөт. Заводдон чыккан зыяндуулуктарды бетине кармаган Казакстандык төбөлдөр областын жашоочуларынын ден-соолугун чыңдоо жайын түзүү үчүн кыргыздын Талас өрөөнүн Казакстанга өткөрүп берүү талабы менен Москвага кайрылышкан. Т. Усубалиев эгер иш алар айткандай болсо миңдеген гектар айдоо жерлер менен жайыттар кыскарып Совет мамлекетине азык-түлүк даярлоодо ири зыян келе тургандыгын так далидеп, Талас аймагын сактап калган жана ал өрөөндү өзүнчө область кылгууга жетишкен. Мунун баары эбегейсиз зор эмгек менен абдан көп түйшүктөрдү жараткан. (Бул окуялар тууралуу Т. Усубалиевдин көп жылдар жардамчысы болуп эмгектенген Үсөнаалы Чотонов эсекерет).
Ал эми коңшулаш Өзбекстан пахта түшүмүн көбөйтүү максатында москвалык жетекчилерден Кыргызстандын жаратылыштан берилген табыгый элдик байлык болгон Соң-Көлдү Нарын дарыясына буруп соолтуп, ал суулардан Өзгөн районунун өтө ири аймагын суу астына калтырган суу сактагыч курууну суранышкан. Аны менен бирге Чаткал өрөөнүн толук баскан ошондой эле суу сактагыч салуу идеясын көтөрүп чыгышкан. Бул долбоорду колдоого алган борбордук башчыларды сунуштун зыяндуулугуна ынандыруу аябагандай эрктүүлүктү, билимдүүлүктү, чыныгы мекенчилдикти жана түбөнбогөн түйшүктү талап кылган. Т. Усубалиев Кыргызстандык илимпоздордун жана малекеттик чиновниктердин жардамы менен коюлган проблеманы жеңип, өлкөбүздүн экологиясын жана аймактарынын бүтүндүгүн сактап калышкан.
Көрсөтүлгөн мисалдардан эле өлкөнүн жетекчисинин ээлеген орду жана анын мекенчилдиги айкын көрүнөт. Бирок биз бул чакан макалада Т. Усубалиевдин ишмердүүлүгүн эмес, анын ата-тегинин генеалогиясына токтолуп, иликтөө жүргүзүүгө аракеттендик.
Белгилүү болгондой Т. Усубалиевдин түпкү ата-бабалары тууралуу маалыматтар кыргыз санжырасында кездешет. Т. Усубалиев кыргыздын сарыбагыш уруусунун өкүлү болгон. Сарыбагыш уруусу санжырада кыргыздардын легендалуу түпкү бабасы катары эсептелген Тагай бийдин бир уулу Кылжырдын тукумдарынан таркатылат. Кылжырдын өзүнүн аты Сарыбагыш болгон экен, бирок лакап аты менен Кылжыр деп аталып калыптыр. Кылжырдан Орзбакты, Дөөлөс деген эки баласы болуп, Орозбактын тукумдары бугу аталып, Дөөлөстүкү сарыбагыш уруусун түзүптүр. Учурурунда Дөөлөс аталарынын жолун жолдоп, кыргызга бий болгон экен.
Дөөлөс бий кыргызды коргоп көп элдер менен алака жүргүзгөн. Алардын арасында калмак ханы менен мамиле түзүп, анын кызы Көкмончокту үчүнчү аял кылып алыптыр. Дөөлөс бийдин Токо, Жантай, Манап, Элчибек ысымдуу төрт уулу болуп, сарыбагыш уруусу алардын аты менен жалпысынан 4 чоң бутакка бөлүнөт. Токонун урпактары жети урук же кара курсак деп аталат. Жантайдан жантай уругу, Манаптан манаптар таралат. Элчибектин балдарын таздар деп аташат. Булардын ичинен Манап атактуу бий болуп, ал кыргыздардын бий институтуна ири өзгөртүүлөрдү киргизип, эл ичинде «манапчылык» деген түшүнүккө негиз салган. Манап бийден Сүтөй, Жарбаң. Сүтөй бийден Сарысейит, Тугур, Эшим. Тугурдун тукумдары «чоң чарык, Эшим тукуму эшим деп аталат. Сарысейит ата мурасы менен эл башкарып, бий болот. Сарысейит бийден Үчүкө, Түлкү, Эрдене жана Кудаян. Үчүке ата ордунда эл бийлеп, иниси Түлкү баатыр болот. Булур тууралуу «Жаңыл-мырза» эпосундагы окуялар баяндайт. Үчүкө, Түлкү өлгөндөн кийин алардын иниси Кудаян агасы Үчүкөнүн ордун ээлеп, эл башкарып, «хан Кудаян» атанган. Санжыралык уламыштарда хан Кудаяндын мезгилинде калмактар кыргыз, казактарга кол салып талкалашкан. Ал заман «казак кайың саап, кыргыз Ысар киргенде» деп аталып калган. Жогорудагы Манап бийдин чөбөрөсү Үчүкө баатыр Турдакун Усубалиевдин жетинчи атасы болот.
Үчүкөдөн Мааматкул, Дөөлөт жана Кудайберген ысымдуу үч уул калат. Мааматкул хан Кудаян агасынан кийин кыргызга башчы болуп эл башкарып, жунгар калмактары менен согушта элди жетектеген. Мааматкул тууралуу XVIII кылымда жазылган кытайдын «Сю чжи» тарыхый дарегинде «ал жунгар калмактарын талкалап, Кыргызстандын түндүк аймагын бошотуп келишкен кыргыздардын шайлап алган «ханы» деп жазылат. Булактагы бул окуялар 1752-1758-жылдарды чагылдырып, ал мезгилде Мааматкул 90 жаштан ашып калгандыгы эскерилет. Мааматкулдан Темир, Болот. Болот бийдин бир уулу Эсенгул баатыр, андан Ныязбек бий, андан Ормон хан ж.б. болуп тарап кетет.
Үчүкөнүн Дөөлөт деген баласынын Надырбек, Бай, Карамурат, Аалы деген төрт уулу болуп, алардын балдарын жалпылап надырбек тукуму дешет. Байдын 1-аялынан Медет, Бердиш, Бердике 2-аялынан Калыгул, Жигитек. Булардын арасынан Байдын уулу Калыгул олуя Т. Усубалиевдин төртүнчү атасы болот. Калыгулдан Ногой, Шыгай жана Күнтууган. Күнтуугандан Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан Усубалы андан Турдакун.
Т. Усубалиевдин төртүнчү атасы Калыгул кыргыз элинин ичинде замандын эмне болорун алдын ала билген олуя катары белгилүү. Ошону менен катар ал атактуу масалчы акын, саясатчы элчи, коомдук ишмер жана сары багыштын надырбек бутагын башкарган бийи болгон. Анын урпагы Турдакун Усубалиев 1998-жылы Калыгулдун Ысык-Көлдүн Кара-Ойдогу коргонунун үстүнөн заманбап мавзолей салдырган. Калыгул Бай уулу тууралуу көптөгөн изилдөөлөр жүрүп, бир нече эмгектер жазылган. Бирок алардын бардыгында Калыгул масалчы акын катары каралып, анын чыгармачылыгы гана сөзгө алынат. Ал эми анын өз мезгилинде белгилүү коомдук ишмер болгондугу эске алынбайт. Чындыгында Калыгул сарыбагыштын ичиндеги ири бийлердин бири болгон.
Бул жөнүндө санжырада бай маалыматтар бар. Андан тышкары аларды орус архивдик материалдары тастыкташат. Алсак, Ормон хан баштаган кыргыздар Кенесары султандын басып келген аскерлерин талкалагандан кийин, орустардын ортомчулдугу менен кыргыз-казак бийлери Копал чебинде келишимге кол коюшкан. Бул казак-кыргыз келишими 1847-жылдын 22-августунда болгон. Ормон хан кыргыздардын атынан башында өзүнүн уулу Үмөтаалы Ормон уулу жетектеген өкүлчүлүктү жиберген. Өкүлчүлүктүн курамында Жангарач Эшкожо уулу, Жантай Карабек уулу жана Токтор Карачоңор уулу болгон. Ошол 1847-жылы жазылган документте кыргыз бийлеринин арасында Калыгул Бай уулу (Надырбеков) таасирлүү бийлердин бири катары көрсөтүлгөн. 1856-59-жылдары кыргыздарга келген Ч. Валиханов жыйнаган материалдарда сарыбагыштын надырбек уругунун бийи Калыгул деп жазган.
Калыгул Бай уулунун өмүр жолу дагы азыркы мезгилге чейин тактала элек. Калгылдун туулган жана өлгөн жылдарын адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев болжолдуу түрдө берген маалымат боюнча 1785-1855-жылдар деп берилип жүрөт. Эгер тарыхый документтерге таянсак көрсөтүлгөн даталар туура эмес экендигин көрөбүз. Белек Солтоноев Калыгул тууралуу эскергенде минтип жазат: «Илгери Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатыр казактын Бердикожо баатырын чапканда, Балхашка 7 жашар Калыгулду жоо көрсүн деп ала барган экен». Кыргыздар менен казак Бердикожонун согушу 1785-жылы болгондугу белгилүү. Демек Калыгул 1778-жылдарда туулган болот. Ал эми анын өлгөндүгү тууралуу маалыматтарга токтолсок, ал 1855-жылы каза болгон эмес. Орус архивдик документтерде Калыгул 1857-58-жылдарда түрүү адам катары эскерилет. Ал 1860-жылдар ченде каза болушу мүмкүн. Себеби орус архивдеринде Калыгул жөнүндө маалымат акыркы жолу 1860-жылдын баш чендеринде Ысык-Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу отряды менен байланышкан кагаздарда кездешет. Демек бул даректерге таянсак Калыгул Бай уулу болжолу 1778-1860- жылдардын аралыгында өмүр сүрүп, 80 ден аша жашагандыгын билебиз. Калыгул Бай уулу Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын тушунда бала болуп, Ормондун атасы Ныязбек бийди ага деп, ага кызмат кылган. Ормон хандын мезгилинде агалык акылкебин айткан, хандын кеңешчиси болгон.
Санжыралык маалыматтарда Калыгул Ормон хан өлгөндөн кийин башталган бугу-сарыбагыш чатактарында сарыбагыш тараптан элчилик милдетти аркалагандыгы баяндалат. Калыгул олуя масалдатып, жамактап ыр менен сүйлөгөндөн башка дагы, ислам дини боюнча сабаты болгондугу кабарланат. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда 1970-жылдары тапшарылган Жумабеков Сабыр деген аксакалдын жазган материалдары бар. Анда Сабыр аксакал өз учурунда Калыгулдун кол жазмасын окугандыгын эскерген.
Т. Усубалиевдин үчүнчү атасы же бабасы Калыгул уулу Күнтууган тууралуу дагы тарыхый документтер бар. Орус империясы кыргыз жерин басып алып жаткан мезгилде орустарга каршы Ормон хандын уулу Үмөтаалы каршылык көргөзгөн. Ал 1863-жылы орус баскынчыларына каршы көтөрүлүп, өзүнө караштуу сарыбагыш жана саяк уруулары менен орус бийлигине баш ийбей АтБашыдан тартып, Кашкар тоолоруна чейинки тоолордо көчүп жүрүшкөн. Акыры ал 1867-жылы орус бийлигине толук баш ийип берген жана орустарга өлгөн аскерлери үчүн кун төлөгөн. Үмөтаалы 1867-жылы өз эли менен ата конушу Ысык-Көлдүн күңгөйүнө көчүп келет.
Ушул окуялардан кийин, Россия падышачылыгы 1868-жылдан тартып талаа закону боюнча Волостная управа (Болуштук) системасын киргизген. Бул система боюнча 10-15 миң түтүндү башкарган кыргыздардын чоң бийлери бийликтен калып, алардын ордуна болжолдуу 1000 түтүндүн тегерегиндеги элге башчы болгон, жайнаган болуштарды орус администрациясы бекиткен. Орус бийлиги Ормон хандын балдарын бийликке жолотпоо тууралуу көрсөтмө чыгарган. Ошол себептен Үмөтаалынын беш айыл элине Ормон хандын балдарынан болуштук шайлоого катыштырган эмес. Тору-Айгыр болуштугун түзгөн Үмөтаалынын беш айылынын үчөө Эсенгул баатырдын тукумдары, калган экөөндө Усубалиевдин чоң аталарынын уругу надырбектер болушкан. Болуштук шайлоодон тышта калган Үмөтаалы болуштукка өз адамын шайлатып, ал аркалуу элди башкаруусун уланта берген. Алгачкы шайлоодо Үмөтаалы, элине атасы Ормон хандын кичүү иниси Түлкү Ныязбек уулун болуштукка шайлаткан. Болуштун жардамчылыгына Күнтууган Калыгул уулу бекийт. Бирок орус аскерлеринин 1871-жылы Иле өрөөнүндөгү уйгурлардын султанатын талкалоо жүрүшүнө активдүү жардам бербей койгондугу үчүн Түлкүнү болуштуктан бошотуп, бул милдетти жардамчысы Күнтууганга жүктөшөт. Кулжа экспедиясында орус аскерлери алардын букаралыгын тааныган кыргыздардан материалдык жардам алышкан.
Кезектеги 1873-жылкы шайлоодо Торуайгыр болуштугунан Ормон хандын Чаргын деген уулунун тун баласы Жамгырчы жеңишке жетет, жардамчылыкка Калыгулдун уулу Күнтууган өткөн. Бирок шайлоону уюштуруп өткөргөн подполковник Курковскийдин талабы боюнча шайлоодо жеңип чыккан Жамгырчынын ордуна Күнтууган болуш болуп дайындалат. Жамгырчы болуштун жардамчысы болуп калат. Курковскийдин аргументи Жамгырчы Ормон хандын урпактары болуп, орус бийлиги үчүн ишенимсиз болгон. Күнтууган Турдакундун атасы Усубалынын чоң атасы болот.
Цин жана Россия империяларынын өз ара чек араларын бөлүштүрүп демаркациялаган «Санкт-Петербург келишиминин» негизинде Иле өрөөнүнүн 80%дан ашык аймагы кытай тарапка өткөрүлүп берилет. Келишимге 1881-жылдын 12 (24)-февралында кол коюлуп, Текестеги кыргыздар Ысык-Көлгө, ал эми андагы Тору-Айгыр болушундагы Эсенгулдун тукумдары 1882-жылы ЫсыкКөлдөн Кочкорго көчүрүлөт. Алар Кочкорго келгенден кийин, экиге бөлүнүп калган. Эсенгул балдары Кочкордун күн чыгыш тарабындагы алардын туугандарынан түзүлгөн Борукчу болуштугуна кошулса, надырбек уругу Кочкордун түштүк этегиндеги таздар уругунан турган Жоон-Арык болуштугина киргизилген. Бул учурда надырбектерден Күнтуугандын бир тууганы Шыгай Калыгул уулунун балдары Көбөгөн ажы Шыгаев жана Дөөлөткул Шыгаевдер орус бийлик системасына активдүү аралашкан. Алар 1916-жылдагы үркүн согушунда Кочкордогу Жоон-Арык элинин башында турушкан. Көтөрлүштү уюштурууда маанилүү орунду ээлешкен.
Т. Усубалиевдин чоң атасы Кененсары Күнтууган уулу казак султаны Кенесары менен кыргыздардын согушунан кийин туулуп, атын ошого байланыштуу Кененсары деп аташыптыр. Күнтуугандын Кененсары, Акидей жана Семетей деген үч уулу болгон. Улуу баласы Кененсарыдан Усубалы туулган. Кененсары 34 жаш курагында каза болуптур (болжолу 1849+34=1883-жылдары). Ушуга байланыштуу Кененсарынын аялы Уулканды анын иниси Акидейге алып беришет. Акидей агасы Кененсарынын баласы Усубалынын багып чоңойткон атасы болуп калат. Акидей 1941-жылдын баш ченинде узакка жашап каза болот.
Эл ичинде Акидей жөнүндө уламыш окуялар айтылып калат. Акидей өңү сары, көзү көк, бекене бойлуу киши болуптур. Ошон үчүн аны эл Акидей сары деп аташкан. Акидей сары энесинин ичинде жатканда ыйлаган имиш. Күнтуугандын аялы ай-күнүнө жетип турганда, ичиндеги бала кадимкидей ыйлаптыр. Келин чочуп кетип, эси ооп жыгылат. Аны кайын энеси эсине келтирип, дөбөдө олтурган абышкасы Калыгул олуяга барып болгон окуяны айтат. Аны уккан Калыгул олуя: «Ээ андан коркпогула, ал Акидей сары деген болот. Ал өлгөндө элдин башына оор азап түшөт»,- деген экен. Ошондон улам Акидей сары каза болгондо согуш (Улуу Ата мекендик согуш) башталган деп эл арасында икая сөздөр тараган.
Усубалынын он баласы болгон. Алардын көпчүлүгү жаш кездеринде каза болуп калышкан. Турдакундун туулгандыгы тууралуу дагы бир катар аңыз кептер айтылып келет. Үмөтаалы Ормон уулунун кызматын кылып келген Алмасбек деген уйгур жигити болуптур. Анын түбү Турфандан экен. Ал Үмөтаалынын соодасын жасап, короо, коргондорду салып берип, ага жагып, анын айылында туруп калыптыр. Үмөтаалы Алмасбекти жактырып, кийин кызын берип күйөө бала кылып алат. Алмасбек менен Үмөтаалынын кызынын Турдакун деген уулу, Ташгүл деген кызы болуптур. Турдакун атасынын жолун жолдоп чоң соодагер болуп байыйт. Анын Турфанда, Кыргызстанда үйлөрү болгон.
1916-жылдагы орустарга каршы көтөрүлүштү Турдакун абдан колдогон. Көтөрүлүшчүлөрдүн эскерүүлөрүндө, элди уюштуруу максатында көтөрүлүштүн алдында Жумгал, Кочкор, Кемин жана Чүй манаптарынын көпчүлүгү жашыруун, түн ортосунда Турдакундун Кегетидеги чоң тамына жыйын өткөргөндүктөрү айтылат. Көтөрүлүш жеңилгенден кийин Турдакун дагы кыргыздар менен бирге кытайга качат. Ал кытайдын Уч-Турфан деген жердеги үйүнө качып келишкен бир топ таякелерин багат. Алардын арасында Усубалы дагы болгон. Анын аялынын боюнда болуп, 1917- жылы уул төрөйт. Кубанган Усубалы уулум ушул бизге жардам берген Турдакундай киши болсо эле жаман болбойт деп, уулунун атын Турдакун койгон экен. Жаш балалуу Усубалы 1917-жылы элине кайткан туугандары менен чогуу кете албай калып калып, кийинки 1919-жылы Кыргызстанга келиптир. Кийин Турдакун Усубалиев саясий карьерасын баштаганда ошол мезгилдеги шартка жараша чет өлкөдө (кытайда) туулган деген фактыдан качып, документ алганда 1919-жылы Кыргызстандын Кочкорунда туулган деп жаздырып алыптыр. Туулган күнүн болсо, Улуу Октябрь революциясынын күнү 7-ноябрга карата, 6-ноябрь деп алган экен. Албетте мунун бардыгы эл оозунда уламыш түрүндө айтылып келген сөздөр. Аныгын эч ким билбейт.
Атасы Усубалы 1988-жылы 105 жашында каза болгон (1883-жылы туулган). Атасы апасы Рапия менен 69 жыл бирге өмүр сүрүптүр. Турдакундун таятасы (Рапиянын атасы) Байгазы сары багыштын таздар уругунан болгон. Тай энеси Батма (Рапиянын апасы) Ормон хандын уулу Сейилкандын кызы болот. Батма эгизи Зууранын түгөйү болот. Зуура Узун-Агачтагы казакка турмушка чыккан (таякелерине). Т. Усубалиевдин апасы Рапия Байгазы кызы көп төрөгөн. Тирүү калган балдары: Сүйдүм, Бүбүкан, Турдакун, Сайра. Бүбүкан Шайыков Күчүк (уруусу кытай) дегенге турмушка чыккан. Андан кызы Жамал, уулу Марлес. Күйөөсү өлгөндө Сасыкул Осмоналиевге (надырбек уругунун нияз уулу) тийген. Андан бир нече балдары бар. Сайра Исакеев чарбасындагы Ормук (надырбек уругунун абыке уулу) дегенге тийген. Сүйдүм тууралуу кабар аз. Токмоктун Кегетисиндеги Сайдин (Саиддин) Исаков (1939-2015) ал кишинин уулу деген маалымат бар.
Турдакун Усубалиевдин Сыргак, Эсенгул, Бермет деген эки уул, бир кызы бар. Сыргактан үч уул, Эсенгулдан бир эркек, бир кыз. Калыгул олуянын тукумдары бүгүнкү күңдө негизинен Кочкор районундагы Теңдик айылында жашашат.