КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
5-ТОМ
Тарыхый булактар
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Томдукта окурмандардын көңүлүнө толо турган орто кылымдагы Кыргызстандын тарыхый-адабий мурастары, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы, эл адабияты, ырым-жырымдары, мифологиялык түшүнүктөрү, ошондой эле манасчылык өнөргө байланышкан даректүү баяндар киргизилди.
САНЖЫРА, МУРАС, САЛТ, ЭЛДИК БИЛИМДЕР
ЖАНА РУХИЙ МАДАНИЯТ
Т.ЧОРОТЕГИН
МАХМУД КАШГАРИ ЖАНА АНЫН «ТҮРКИЙ ТИЛДЕР СӨЗ ЖЫЙНАГЫ»
Өз доорунун чыгааны. Махмуд Кашгари – орто кылымдардагы Түркстандын (азыркы Өзбекстан, Жетисуу, Кыргызстан, КЭРдин Синьцзян-Уйгур автоном району кирген аймактын) түркий калктарынын көрүнүктүү уулу. Ал жашаган доор өндүргүч күчтөрдүн Түркстанда жаңы негизде өнүгүшү, феодалдык мамилелердин толук калыптанышы, көчмөн калктардын отурукташуу процессинин кеңейиши, кол өнөрчүлүктүн, соода карым-катнаштарынын, шаарлардын өнүгүшү менен мүнөздөлөт. Калкына келсек, 840-жылы кыргыздар Уйгур каганатын уйгурлардын ич ара феодалдык карама-каршылыгын пайдалануу менен кулатышат да, алардын айрым топтору Теңиртоого чейин кирип келет. Бул жөнүндө түздөн-түз маалыматты 982-жылы фарсы тилинде жазылган автору беймаалым «Худуд-ал-алам» («Аалам чөлкөмдөрү») эмгегинен учуратабыз. Ушул эле мезгилдерде огуздардын негизги бөлүгү Жетисуудан Орто Азиянын батышыраак райондоруна оойт. Карлуктардын саясий бийлиги начарлап, Теңиртоонун борборунда чигил, йагма элдери саясий тизгинди колго алышат. Натыйжада Кара кагандар сулалеси (династиясы) Түркстандын саясий картасында пайда болот (940–1212-жылдар). Ири аймактын бирдиктүү мамлекетке баш кошуусу этникалык жаңы кырдаал үчүн маанилүү жагдай болду. Ал эми Кара кагандардын ислам динин мамлекеттик идеологияга айландырышы менен регион айтылуу «мусулман дүйнөсүнүн» түндүк-чыгыш четжакасы болуп калды да, Мусулмандык Батыш менен маданий жана илимий карым-катнашы тездеп өнүктү. Ушул тапта саясий жана маданий мааниси бар шаарлар катары Теңиртоо аймагындагы Баласагун, Кашкар, Өзгөн шаарлары, айрым бир дубандык борбор катары Шаш (Ташкент), Тараз (Жамбыл), Барскан (Барскоон), Хотан ж. б. шаарлар кеңири белгилүү болот.
Дал ушу тарыхый кырдаал Орто Азияда жана жалпы эле Ортоңку Чыгышта IX–XII кылымдарда илим менен маданияттын гүлдөп өсүшүн шарттады. Теңиртоолук мусулман түрктөр араб, фарсы тилдерин өздөштүрүүнүн аркасында Фараби, Хорезми, Беруни, Ибн Сина сыяктуу ойчулдардын жана аалымдардын даанышмандык эмгектерине пейил салышты. Ушундан улам теңиртоолук энциклопедист-аалымдар Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагындын чыгармачылык туу чокусу тоолук элдердин ырысына бүткөн кокустук көрүнүш эмес, толугу менен мыйзам ченемдүү пайда болгондугу акылыбызга телегейи тегизделип сыят.
Махмуд Кашгари ким? Суроону ушундайча кабыргасынан коюп, чыгышпоз Омелян Прицак өз учурунда макала жазган эле. Андан бери чейрек кылым өтсө да бул изилдөөчүгө белгилүү болгон маалыматтан ашыкча даректер сейрек гана табылууда. Орто жолдон аны азыркы айрым бир түркий улутка гана чегерүүгө умтулган «иликтөөчүлөр» да чыкты. Балким, Кашкар вилайетиндеги Азирет Молдом мазарын Махмуд Кашгаринин мүрзөсү катары көрсөтүүгө синьзяндык айрым илимпоздордун аракети (1983), же болбосо Махмуд Кашгаринин туулган жери Барскан шаарын азыркы Казакстандын чөлкөмүндө деп көрсөтүүгө ашыгуу (К. Бекетаев, 1987) айрым окурман үчүн жетиштүү сезилээр. Бирок, биринчиси далили чактуу божомол гана болсо, экинчиси – чыныгы бурмалоо. (Барскан калаасынын Махмуд Кашгариге чейин эле Ибн ал-Факихте, «Худуд ал-аламда», Беруниде ж. б. булактарда Ысык-Көлдүн боюндагы шаар катары жайгаштырылгандыгына күбө болобуз.) Азыркы улуттук жана саясий чек ара менен мындан тогуз кылым илгерки дүйнөнү бычып кароо мүмкүн эмес экендигин, тилекке жараша, бүгүнкү кеңири окурман жамааты жакшы түшүнүп калды. Маселен, Абу Наср ал-Фараби ат-Түрки (870–950) өзү Казакстандын түштүгүнөн чыкса да, жалпы эле орто азиялык калктар үчүн мурасы орток даанышман экенин, Барсканды, Баласагунду деле, Кашкарды, Өзгөндү деле X–XII кылымдарда «бир атанын балдарындай» калктар жердегенин баса белгилөөчүлөр дагы бир мерте акыйкатты оболотоорунда шек жок.
Махмуд Кашгари – жалпы эле Кара кагандык түркий элдердин өкүлү. Ата теги боюнча ал сулаленин саясий чылбыры колунда болгон элдердин бири – чигилдерден чыгышы да ажеп эмес. Анын атасы Хусейин Барскандан экендигин Махмуд өзү белгилей кетет. Чоң атасы болсо, О. Прицак менен Ө. Караевдин божомолунда, хижранын 449-жылы (азыркы жыл эсеби боюнча 1057–58-жж.) Улук каган болуп, ошол эле жылы опат тапкан Мухаммед ибн Жусуп Кадыр-хандын өзү. Махмуд Кашгари да эмирлер өзүнүн бабалары болгондугун китебинде эскерген. Демек, Махмуддун ысымын толугураак жазсак – Махмуд ибн Хусейин ибн Мухаммед ибн Жусуп Кадыр-хан… болот экен.
Ныспа жөнүндө азыноолак сөз. Мусулман авторлорунун ысымдарынан ныспаларды (таандык кылуучу энчилүү аттарды) жолуктурабыз. Адатта (жер-суу аттарына байланыштуу ныспалар): 1) автор төрөлгөн жайды аныкташы мүмкүн (маселен, Мухаммед ал-Хорезми – Хорезм шаарынан, Жусуп Баласагын – азыркы Бурананын ордундагы Баласагун шаарынан ж.б.); 2) автордун мурдагы жана кийинки турагын, көбүрөөк жашап калган чөлкөмүн аныкташы мүмкүн (мисалы, ирандык Саве шаарынан чыккан Мухаммед ибн Абу Бакр ас-Сави кийин Дамаскиге кетет да, ад-Димашкы ныспасын алат, ушу жерде 1266-ж. Махмуд Кашгаринин эмгегин көчүрүп чыккан; Хорасандын Балх шаарында төрөлгөн айтылуу сопу акын Жалаледдин Руми (1207–1273) өз ныспасын Урум түрктөрүнүн (кичи азиялыктардын) мамлекетинде узак жылдар жашап, ушу жерде даңазага жетип алган; 3) автор изилдеп чыккан аймакты аныкташы мүмкүн (Кытайга саякат кылган бир катар аалымдар «ас-Сини» ныспасын алганын араб биографтары эскеришет) ж. б.
Белгилөөгө арзычу жагдай – осмон түрктөрүнүн аалымы Хажы Халифа (Катиб Челеби деп да атыккан 1609–1657) өзүнүн эмгегинде Махмуддун ныспасын эч эскербеген. Америкалык чыгышпоздор Р. Данкофф менен Ж. Келли баса белгилегендей, Махмуддун «ал Кашгари» деген ныспасы бизге чейин сакталган көчүрмөнүн эң сыртында (титулдук баракта) гана бир мерте жазылган экен. Махмуддун «Барскани» же кыскача «Барсахи» сыяктуу атайын ныспага ээ болгонун болжош кыйын. Пикирибизде, «ал-Кашгари» ныспасы Махмуддун илимпоздук жана инсандык турпаты толук калыптанган калааны айгинелеп турат. Саясий окуялардан улам Барскандан Кашкарга өткөнүн жана эмгегин алыскы Багдадда аяктаганын жадыбызга алсак, Барсканга караганда административдик, маданий жана илимий башкалаа катары кеңири маалым болгон Кашкар шаарынын атын ныспа кылуусу Махмуддун автобиографиялык шартына деле ылайык болгондой…
Махмуддун өмүр көчү.
Махмуд Кашгари XI кылымдын биринчи жарымында Барскан шаарында Кара кагандардын сулалелик тегинен чыккан феодал төбөлдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. (О. Прицак анын туулган жылы 1029–1038-жж. аралыгында, ал эми 40–50-жылдары атасы Барсканды бийлеп турган деп эсептейт). Эзүүчү таптардын өкүлү катары анын шыбагасына илим-билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү кененирээк ачылып, аларды Махмуд өз деңгээлинде пайдаланган.
Махмуд өз доорунун философ, тилчи, тарыхчы, географ, диниятчы ж. б. ойчулдарынын эмгектери менен дурус таанышат. Анын географиялык маалыматтарын салыштырып изилдөөдөн улам өзбек окумуштуусу X.Хасанов Махмуд кезегинде Берунинин мурасы менен дурус тааныштыгы болгондугун ачып берди. Махмуддун эмгегинде Халил ибн Ахмед Фарахидинин (VIII к.) «Китаб ал-айн» чыгармасы эскерилген. Махмуд Кашгари үчүн орто азиялык арабист-тилчи Абу Ибрахим Исхак Фарабинин (961-ж. өлгөн) араб тили боюнча «Адеп билимдүүлүк диваны» аттуу сөздүгү зор роль ойногонун кийинки изилдөөчүлөр таасын айгинелеп жатышат. Махмуд кандайдыр даражада фарсы тилин да өздөштүргөнү эмгегиндеги мисалдардан даана билинет.
Махмуд Кашгари жеткинчек чагынан эле Куранды мыктап өздөштүрүүгө мажбурланганында шек жок. Аны адатта диний китеп катары гана баалап жүрөбүз. Чындыгында арабдардын адабий мурасы катары да анын мааниси чоң. Береги өзгөчө шыктандыруучу «Күндүн сүрөөсүн» (№ 91) эле алып көрөлүчү, кудайга таазим сезимине ышталган менен, ыргакка, уйкаштыкка, динамикага, табийгат көрүнүшүн абстракттуулукка жуурулуштуруу аракетине ээ болгон өзүнчө бир чыгарма экенине күбө болобуз (европалык гуманисттерди Курандын дал ушу адабий-эстетикалык жактары кумарданткан).
«Урсун, – дейм, Күн! Түмөндөгөн жана анын Жаркыроосу! Урсун, – дейм, Ай! Түгөнбөгөн Ээрчүүсү аны, Тартылуусу! Урсун Күндүз! Күзөтүлгөн Кудуреттин энчинде! Урсунчу Түн! Чүмбөтүнөн Ал пайданы көрчү эле.
Урсун асман Казаны!
ЭЭСИ, аны жөлөнткөн! Урсун, – дейм, –
Жер, жана аны Мейкиндикте КЕҢЕЙТКЕН!
* * *
Бул сүрөөдөгү азыркы «нан урсун!» шекилденген ант берүүлөрдүн клерикалдык маанисинен саал обочолосоңуз, арабдардын исламга чейинки поэзиясынын шапатасы уруп турат.
Ошондой эле Махмуд Кашгаринин көңүлүнүн борборунда түркий калктардын аброюн көтөрүүчү хадистерди чыгарган нишапурдук, бухаралык ж. б. диниятчылардын эмгектери турган. Кийинчерээк өзүнүн саясий тыянактарын бекемдөөдө ал Куранга жана хадистерге (Мухаммед пайгамбарга шилтеме берилип айтылчу болумуш, уламыштарга) ыгы менен таянган.
Махмуд Кашгари араб жазмасынан тышкары азыр илимде «уйгур алфавити» деп аталуучу чыгыш түрктөрүнүн орток жазмасын да дурус өздөштүргөн. Алгач Уйгур каганатында негизделген бул жазма кийинчерээк борбордук жана Орто Азиядагы көптөгөн түркий элдерге таралып, Аксак Темир доорунда да (XIV–XV кк.) колдонулган. Аны Махмуд «түрк жазмасы» деп гана атайт жана ар бир тамгасынын тушуна арабча шайкеш тамганы жазып баяндайт.
Феодалдык ички күрөштөргө жык толгон заманасы аны өскөн жерин калтырууга аргасыз кылат да, Махмуд өзүнүн өмүрдүк максаты иретинде түрк элдеринин негизги тилдерин жана диалектилерин изилдөө жаатын тандап алат. Өзү кыдырып чыккан элдердин негизгилерин ал бизге жеткен китебинде санап өтөт (макаланын соңундагы котормону караңыз). Окумуштуу башынан далай тар жол, тайгак кечүү өткөрөт. Эмгегинде «Тыш йер аны катырды» деген сүйлөм кезигет. Балким, бул сөздү мисалга алган маалда илимпоз-саякатчынын ж.б. жер кезген адамдардын тагдырдык шыбагасындагы түркүн сыноолор Махмуддун көңүлүндө тутулгандыр. Соода карым-катнаштарына байланыштуу түркчө, арабча, кытайча терминдерди дурус билгендиги, бир чети, түрктөрдүн «калааларын жана талааларын» кезген учурунда ал соода кербени менен ымалалашып, аны караан тутуп жүрүүгө муктаж болгондугунан улам десе болот. Сөздүгүндөгү йагма тилинен алынган «Ал таварыг (товарын, малын) караклады» деген сүйлөм – ошол замандагы саякатчынын, кербенчинин көргөн күнүнөн бир элесидир…
Тагдырына ирегелеш сагаалаган кыйынчылыктар анын эл жандуулугун, гуманисттик, патриоттук көз караштарын ойготкон жана жашыбас болоттой чыңаган. Албетте, феодал төбөлдөрдүн ишенимдүү идеологиялык куралы катары коомго сиңирилген исламдын да ага чоң таасири болгонун ошол доордогу мыйзам ченемдүү көрүнүш иретинде таануу керек.
XI кылымдын 70-жылдарына чейин, б. а. 40ка же 50гө чыгып калганда ал негизинен материалдарын топтоп бүтөт. Жазган эки гана эмгеги бизге маалым: 1) бизге жетип келген бирден-бир чыгармасы «Диван лугат ат-түрк» («Түркий тилдер сөз жыйнагы») жана 2) түрк грамматикасы боюнча жазган «Жавахир ан-нах фи лугат ат-түрк» («Түркий тилдер синтаксисинин көөхарлары»). Экинчи эмгектин түп нускасы да, көчүрмөсү да азырынча табыла элек. Ал эмгек Махмуддун «Диванында» гана эскерилет. Демек, өзүнүн «…Көөхарларын» ал «Дивандын» акыркы редакциясына чейин, 70-жылдардын ортосунан кечикпей жазып бүткөнүн түкшүмөлдөөгө болот.
Махмуд Кашгари кайсы жерде, качан өлгөндүгү, азырынча белгисиз. Синьцзян-Уйгур окумуштуулары, жогоруда белгиленгендей, Кашкардын Опал кыштагындагы Азирет Моллам мазарын кийинки мезгилдерде Махмуддун сөөгү коюлган жай катары жарыялоого умтулушууда. Балким, ал мазар Махмуд Кашгари менен Абдулкерим ас-Самьани (XII к.) «Ныспалар китебинде» эскерген кашкардык диниятчы Хусейин Кашгаринин (1091-ж. өлгөн) же болбосо монгол-татар калайманынан соңку ашынган сопу, кожолордун XIV–XVII кк.) бирине таандык көрүстөндүр? Келечектеги иликтөөлөр бул маселени даректүү материалдын негизинде чечээри бышык.
«Дивандын» мазмуну тууралуу учкай кеп. Махмуд Кашгаринин «Түркий тилдер сөз жыйнагы» хижранын 464-жылынан (1072-ж. 25-январдан) тартып жазыла баштайт. Беш жыл ичинде 4 ирет редакцияланган соң «Диван» хижранын 469-жылы («Жылан жылы», б. а. 1077-ж. 9-январда) жазылып бүткөрүлөт. Кийинки датаны көчүрмөчү ас-Сави «466-жыл» деп натуура жазып алганы далилденди. Эмгек Багдаддагы халиф Мукта-ди би-Амриллага (бийликтеги жылдары – 1075–1094) багышталган.
Эмгектин түп нускасы бизге жеткен жок. Анын 1266жылы 1-августуна карата Мухаммед ибн Абу-л-Фатх асСави ад-Димашкы тарабынан даярдалган көчүрмөсү азыр Стамбулдагы Улуттук Жалпы китепкананын Али Эмири фондусунда сакталып турат.
«Дивандын» бул көчүрмөсү 638 беттен турат. Ага түстүү карта да тиркелген. Айрым изилдөөчүлөр бул карта Махмуд Кашгаринин өз колу менен чийилген деп эсептешет (С. Муталлибов, X. Хасанов).
«Диван» кириш бөлүм менен башталат. Анда түрк тилдерин үйрөнүүнүн олуттуу мааниси, бул эмгектин кайсы халифке багышталганы, автордун түрктөр жашаган өлкөлөрдү кыдырганы, китеп жазуудагы кабыл алган усулу, түрктөрдүн өз алфавити, түрктөрдүн негизги элдери жана урууларынын аттары, алардын ар кайсы чөлкөмдө жайгашуулары ж. у. с. маалыматтар камтылат.
«Дивандын» негизги бөлүгү сөздүк тартибинде түзүлүп, сегиз саптан турат. Түркчө сөздөр уңгусунун алфавиттик ырааты боюнча өз-өз уяларына жайгаштырылып, ар бир сөздүн арабча котормосу берилген. Көбүнчө сөзмө-сөз таржымасын берип тим болбой, терминдердин кеңири түшүндүрмөсүн коштойт, аларга байланыштуу макал-лакап же ырлардан үзүндүлөрдү ыгы менен таап, уз иштеткен шурудай безейт. Китепче түркологиялык тил илиминдеги бир катар грамматикалык мыйзамченемдүүл үктөр жана көрүнүштөр айкындалат, айрым сөздөрдүн диалектилик чөйрөдө гана орун алышы белгиленип, бир катар топонимдердин жана түркий калктардын жайгашкан орду такталат.
«Дивандын» өзгөчөлүктөрүнүн бири кыргыз, кыпчак, карлук, огуз, уйгур, чигил сыяктуу өз алдынча түркий этносторду «уруу», «урук» термини менен белгилешинде турат. Себеби Махмуд Кашгаринин жана башка мусулман аалымдарынын басымдуу бөлүгүнүн түшүнүгүндө араб, перс, кытай, урум (византиялык гректер), франк (кресттүүлөр жортуулуна катышкан француз ж. б. европалык калктар), саклаб (славяндар) сыяктуу эле түрктөр да көптөгөн урууларга жиктелген бирдиктүү «түрк эли» катары элестелген. Кара кагандар сулалесиндеги чыгыш түрктөрүн кыпчак, огуздардан айырмалоо үчүн Махмуд Кашгари «хакандык түрктөр» терминин да пайдаланып, ушу жалпы этникалык-саясий ысым менен чигил, йагма, тухси, кыргыз, аргу, кенжек ж. б. элдер жана алардын уруулары биригип айтылган. Алардын официалдуу адабий тили чигил тилинин негизинде калыптанган деп айрым изилдөөчүлөр туура тыянакка келишти (Э. Р. Тенишев, Ө. К. Караев). Кийинки элдерди (чыгыш түрктөрүн) огуздар жалпысынан «чигилдер» деп атагандыгын Махмуд Кашгари «Диванында» эскерет жана бул «катачылык» деп эсептейт.
Айтор, адамзат тарыхындагы этникалык кырдаалдардын ар бир жаңы этабы бирдиктүү мамлекетке баш кошкон жана тили жакын элдердин ири жаңы этноско жуурулушуу процесси менен коштолуп келген. Бул процесстин жүзөгө толук ашаар-ашпасы ал жүрүп жаткан чөлкөмдөгү конкреттүү тарыхый кырдаалдын өнүгүшүнө багыныңкы эле. Теңир-Тоолук ири эл түзүлүп бүтпөдү, ага XII кылымдагы кара кытайлардын, XIII кылымдагы найман жана монгол-татарлардын жортуулдары тоскоол болуп, XIII–XIV кылымдардан соң бүткүл Түркстандагы, анын ичинен Кыргызстандагы этникалык жаңы кырдаал борбордук азиялык түрктөрдүн жана монголдордун ири бөлүктөрүнүн жаңыдан келип жуурулушу менен айкындалып калды. Жаңы кырдаалда ирилештирүүчү этностун ролу Теңир-Тоонун борборунда кыргыздардын колуна тийди. Мындан улам, орто кылымдардагы тарыхый булактардын концепциясын ээрчип, кайсы бир түркий этностордун элдүүлүк мүнөзүн жерүү, аларды уруу катары гана таанууга умтулуу, негизинен, буржуазиялык чыгышпоздорго, пантүркизмге кеңири таандык көрүнүш экендигин эскерте кетмекчибиз.
Махмуд Кашгаринин бул эмгеги, академик А.Н. Кононов адилет белгилегендей, «…бир катар түркий тилдердин фонетикасы, грамматикасы жана лексикасын өтө дилгир жана өтө кылдат байкоолорунун сөздүн толук маанисиндеги алтын бүртүкчөлөрүнөн болуп, ошондой эле хакандык (кара кагандык) түрктөр, түркмөндөр, огуз, йагма, чигил, кыргыздар тууралуу баа жеткис лингвистикалык, этнографиялык, фольклордук, географиялык, тарыхый маалыматтарды биздин заманга жеткирип берген бирден-бир турпатка ээ чыгарма болуп эсептелет» (Сов. тюркология, 1972, № 1, 16–17-бет).
Канчалык даражада өзү туйгандыгын түкшүмөлдөө кыйын, айтор дал ушу чыгармасы менен Махмуд Кашгари түркий калктардын өз доорундагы энциклопедиясын түзүүдөгү инсандык бийик миссияны жүзөгө ашырган.
Картага сыйган аалам. Мусулман географтары чийген дүйнөнүн карталарынын бир далайы бизге жетип келген Суса Ахмад, Ирак байыркы карталарда, Багдад, 1959; (негедир мындагы карталардын үлгүлөрүнө Махмуд Кашгаринин картасы киргизилбей калыптыр). Алардан Махмуд Кашгариге таандык алкак тариздеги дүйнөнүн түстүү картасы өзүнүн бир катар өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Бул тууралуу чет элдик жана советтик илимпоздор, (М.Конрад, А.Германн, К.Цегледи, А.З. Велиди (Тоган), В.Ф. Минорский, И.И.Умняков, С.Ө.Өмүр заков, X.X.Хасанов ж. б.) тийиштүү изилдөөлөрүндө токтолушат.
«Дивандагы» картада жердин чордону катары Ыйык мечит орун алган Меке шаары эмес, автор туулуп өскөн Ысык-Көл, Борбордук Теңир-Тоо аймагы жайгаштырылат. Барскан шаарынын аты «Дивандын» текстинде каткалаң «гайн» аркылуу «Барсган» деп берилген болсо, ал эми картада – каткалаң «каф» аркылуу «Барскан» деп (азыркы «Барскоон» топонимине үн алыштырылып) жазылган. Сыягы, бул айырмачылык диалектилик өзгөчөлүктөр менен байланыштуу болсо керек. Түркстан аймагы көңүл борборунда тургандыгынан улам бул картаны кандайдыр даражада Кара кагандар сулалесинин саясий картасы иретинде түшүнүүгө болот.
Ысык-Көлдүн жан-жагындагы шаарларда билдирүүчү айрым нокотторго тиешелүү наамдарынын жазылбай калышы, кыргыз сыяктуу өз каганаты бар айрым элдердин, теңиртоолук айрым калктардын чагылдырылбай калышы бул картаны түзүү иши өз соңуна толугу менен чыгарылбаса керек деген түкшүмөлгө жетелейт.
Биерде мусулман карталарынын ичинен эң биринчи ирет (бир далай топонимдер – ушу гана картада) чыгышта – Япония (Жабарка), Катун сыны шаары (Ган-чьжоудагы Уйгур мамлекетинин борбору деп аны Е. И. Кычанов туура белгилейт), Кыргыз каганатынын X кылымдагы бир бучкагы болуп, кийинчерээк татарларга өткөн Үтүкөн аймагы, Ысык-Көлдүн түштүк-батышында, Кочңар-Башы (Кочкор-Башы) жери, а батышта Венгрия (ал-Мажар) кагазга түшүрүлүп, ал эми Теңиртоодогу кырка тоолор өтө реалдуу чагылдырылган.
Ошентип, Махмуд Кашгари орто кылымдардагы теңиртоолук түркий калктардын картографиялык илиминин туу чокусуна көтөрүлгөн аалым болуп эсептелет.
«Диван» жана чыгыш аалымдары. Жүздөгөн окумуштуулардын жана миңдеген ажайып чыгармалардын аттарын тизмелеп даңазалаган XI–XV кылымдардагы мусулман библиограф жана биографтары Махмуд Кашгари жөнүндө негедир бир да жолу эскеришпеген. Бирок мындан «Диванды» орто кылымдарда чыгыш аалымдарынын эч кимиси окуган эмес деген бүтүмгө келүүгө болбойт жана анын таасын маалыматтары чыгыш аалымдарынын өтө кызыгуусун туудурганына шек жок.
«Диванда» мол берилген түркий элдердин аттары XII кылымдын башында (1206-ж.) санжыралык эмгек жазган Мубарек-шах Мерверрудинин маалыматтарында саал гана өзгөртүлүп жана кошумчаланып пайдаланылган (Э.Д.Росс, 1922, 1927; Б. А. Ахмедов, 1986). Махмуд Кашгари баяндаган 24 огуз уруусу Рашид ад-Диндин (1247–1318) «Жамы ат-таварих» («Тарыхтар жыйындысы») эмгегинде бир аз айырмалуу вариантта жолугат. Арийне, Рашид ад-Дин огуз урууларынын тизмесин түздөн-түз Махмуд Кашгариден алган деп тыянак кылуудан алыспыз. Тек, огуздардын санжырасын чагылдыруу салтынын башатында Махмуд Кашгаринин «Диваны» да тургандыгын, өзүнөн кийинки этнографиялык адабиятка кандайдыр даражада (балким, ар кыл фрагменттеринин көчүр мөлөрү аркылуу) таасири тийип келгендигин сөз кыла алабыз.
Ал эми биздин доорго сакталып жеткен «Дивандын» көзгө басаар көчүрмөсү, 1266-жылы Дамаскиде даярдалгандан кийин (ал автордук нускадан көчүрүлгөн), Жакынкы Чыгышта, Египетте, Кичи Азияда XIII–XX кылымдарда колдон колго өтүп жүргөн. Демек, бул мезгилдерде көчүрмө менен бир топ аалымдар тааныша алышкан.
Маселен, Мемлүктөр мамлекетинде (1250–1517) Каирде жашап жана эмгектенген Бадреддин ал-Айни (1451-ж. өлгөн) өзүнүн отуз томдук «Ыкд ал-жуман фи тарих ахл аз-заман» («Замана калкынын тарыхы боюнча бермет шурулары») китебинин 1–2 томдорунда «Дивандан» бир нече үзүндүлөрдү киргизген. Айни 1-томун 1422-жылы жазып бүткөргөнүн эскерет. Демек, Р. Данкофф менен Ж. Келли туура байкагандай, «Дивандын» алиги көчүрмө нускасы XV кылымдын 20-жылдарында Каирдеги аалымдардын назарында болгон.
Ал эми XVI кылымдын башында түркий мамлекеттердин (теги кул аскер башчыларынын) мамлекетин осмон түрктөрү жеңип алгандан кийин бизге маалым кол жазма нускасы Стамбулга өтөт да, түркиялык бир катар аалымдардын карамагына тиет. Маселен, XVII кылымдагы осмон түрктөрүнүн кеңири маалыматтуу китепкөйү Катиб Челеби (Хажы Халифа) өзүнүн «Кешф аз-зунум» («Шектенүүлөрдөн арылуу») деген библиографиялык тактама эмгегинде төмөндөгүдөй жазат: «Диван луга ат-түрк» – Махмуд ибн ал-Хусейин ибн Мухаммеддики; бир томдук… Баяндоосу – арабча. Анын айтышынча, түркий тилдер (бирде: «лугат ат-түрк» – Т.Ч.) он сегиз тамганы колдонушат. Ал (китебин) халиф… ал Муктади би Амриллага багыштаган (Катиб Челеби, Кешф аз-зунун. Стамбул, 1893, 1-том, 520-бет),
Тактама эмгектерге таандык кыска, бирок нуска илепке эгедер бул эмгегинде Махмуд Кашгаринин ныспасын ал эч эскербептир. «Дивандын» наамындагы «тил» сөзү арабча жеке («луга») жазылып калган.
Мындан бир кылым өткөн соң Катиб Челебинин бул эмгегин тастыктап, редакциялап чыккан айтылуу түрк китепкөйү Арабажы-башы (1776-ж. өлгөн) «Дивандын» бапестелип XX кылымга жеткен барактарына өзү да үңүлдү бекен?
Чыгыш аалымдарына «Дивандын» тийгизген таасирин ар тараптан изилдөө, албетте, күн тартибиндеги милдеттерден…
Көчүрмөнүн табылышы жана изилдениши.
Түрк окумуштуулары Бесим Аталай менен М. Ш. Үлкүташыр убагында белгилеп өтүшкөндөй, 1908-жылы буржуазиялык Жаш түрк революциясынан кийин көп узабай бир түрк аялы Китеп сатуучулар базарына (Сахафлер чаршысына) келип, китеп сатуучу (далдалдык да кылуучу) Бурхан Эфендиге өзүнүн алып келгенин берет. Алгач Бурхан Эфенди китепти Агартуу министрлигине сунуш кылган экен, бирок аял үмүттөнгөн 30 алтын лира бул мекеме үчүн өтө кымбат сезилет… Андан соң Стамбулдагы эски аалымдардын бири Али Эмири (1924-ж. өлгөн) деген адамга көрсөтүшөт. Китептин баалуулугун ал киши дароо туюп, 30 лирага сатып алат, үстөк катары Бурхан Эфендиге үч лира берет.
Алгач Али Эмири өзүнүн баалуу китеби менен тек мактанып гана жүрдү (китепкөйлөргө таандык касиет эмеспи!). Бирок жат колго аны карматууга ыраа көрбөдү. Китептин баш-аламан барактарын иреттөө үчүн гана Килисли Мугалим Рифатка көмөгүн сурап кайрылды. Акыры Али Эмириг Зия Гекалп деген белгилүү түрк окумуштуусу бул ажайып чыгарманы түбөлүккө сактоонун бирден-бир жолу таш басма менен чыгаруу экенин ынандырат. Али Эмири өзүнүн шартын коёт – бул китепти басмага тырышчаак жана так Килисли Рифат гана даярдашы керек.
Ошентип, хижранын 1333–1335-жылдары Стамбулда «Диван» үч томдук көлөмдө таш басмадан чыгат (бул жылдар 1915–1917-жылдарга туура келет, бирок эмне үчүндүр Р. Данкофф менен Ж. Келли анын чыккан мезгили катары 1917–1919-жылдарды көрсөтүшүүдө).
1928-жылы немец чыгышпозу К. Бронкельман Махмуд Кашгаринин «Диванын» кыскача индекс-сөздүк таризинде немец тилине которуп жарыялайт. Түрк тилине которууга да көп аракеттер болгон. Толук жана сапаты дурус котормосу түрк илимпозу Бесим Аталай тарабынан жүзөгө ашырылып, 1939–1941-жылдары Анкарада жарык көрөт. Ушул эле окумуштуу көчүрмөнүн факсимилесин да жарыялайт (Анкара, 1941). «Дивандын» өзбекче котормосун Салих Муталлибов Ташкентте 1961–1963-жылдары бастырды. Анын котормосунда айрым так эместиктер да учурайт, бирок ал СССРдеги түркологдор үчүн колдон чыккыс китеп кызматын аткарганын тана албайбыз. Ал эми 1981–1984-жылдары он бир уйгур түрк түркологу (жооптуу редактору Ыбрайым Мутьи) «Дивандын» факсимилесине негизденип уйгурча котормону даярдап жана жарыялашкан. Бул котормо түзүк чыккан, бирок изилдөөчүлөрдүн баш сөзүндө Кара кагандар сулалесиндеги этникалык кырдаалды сыпаттоодо айрым бурмалоолорго жол берилет. Аны Үрүмчүдөгү Синьцзян элдик басмасы басып чыгарган.
Тексттаануу илиминин азыркы деңгээлине жооп берүүчү иш болуп, 1982–1985-жылдары АКШнын Кембридж шаарындагы Гарвард университетинин басмасынан чыккан англисче котормо эсептелет. Аны Роберт Данкофф ишке ашырып, Жеймс Келли олуттуу көмөк көрсөткөн. Бул котормочулар Бесим Аталайдан кийин «Дивандын» жападан-жалгыз көчүрмөсүн терең талдап, булак таануучулуктагы айрым жаңы усулдарды кеңири пайдаланууга жетишкен бирден-бир изилдөөчүлөр. Алар кол жазмадагы түрдүү сыяларды, ж. б. белгилерди изилдеп, 15 башка колду (почеркти) аныкташкан жана тарыхый даректердин негизинде бул көчүрмөнүн жаралыш жана сакталыш таржымалын туура чагылдырышкан. Алардын бул эмгеги венгр чыгышпозу А. Рона-Таш сыяктуу ири адистер тарабынан жогорку баага татыган. Тек бизди саал ынантпаган жагдай – эмгектин «Түркий диалекттердин жыйнагы» деп которулушу жана түркий ири этносторду уруу катары эсептешкендиги…
Маалыматтарга караганда ушу тапта «Дивандын» орусча котормосу басмага даярдалып бүткөн (А. Рустамов тарабынан) жана кытайча (ханзуча) котормонун 1 тому басмаканага өткөрүлгөн (Тахиржан Мухаметтин макаласы: Шинжаң ижтиман пэнлэр тэткикати, 1985, N№ 3, 124-бет).
Өз учурунда көрүнүктүү советтик тарыхчы А.Н.Бернштам «Манас» эпосу тууралуу айткандай, Махмуд Кашгаринин «Диванына» узак мөөнөттүү, комплекстүү, энциклопедиячыл маанайдагы изилдөөлөр талап кылынат. Бул көп нуктуу ишти үстүбүздөгү кылымдын 20-жылдарынан бери карай жүздөгөн философ, тарыхчы, тилчи, географ, картограф ж. б. чыгышпоз адистер СССРде, Европада, Кытайда, Түркияда, Америкада… жүргүзүүдө. «Дивандын» кыргызчага которулушу жөнүндө Махмуд Кашгаринин бул эмгеги X–XI кылымдарда Теңиртоодо жашаган түркий калктар жөнүндө залкар маалыматтардын жыйындысы. Бүгүнкү кыргыз, казак, өзбек, уйгур, алтайлык ж. б. элдердин калыптанышында көөнөргүс роль ойногон ошол калктардын мындан тереңирээк мүнөздөлүшүн азырынча башка эч бир булактан кезиктирбейбиз.
«Диванда» IX–XI кылымдардагы кыргыздар да беш ирет эскерилет. Мурда айтылган пикирибизди кайталасак («Ленинчил жаш», 5-сентябрь 1987-ж.), өзү дурус билген кыргыздардын тобуна Махмуд Кашгари Саян–Алтай чөлкөмүнөн эмес, Теңиртоо аймагынан эле кезиккен. Бул кыргыздарсыз, ж. б. ХI кылымдагы теңиртоолук түркий элдерсиз азыркы улутубуздун келип чыгуу тарыхын элестетүү мүмкүн эмес.
Республикабыздын Илимдер академиясынын академиги Т. Сыдыкбековдун: «XI кылымда Махмуд Кашгари түзгөн… «Байыркы түрк сөзүнүн жыйнагы» азыркы кыргыз тилине салыштыра келгенде алардын… өзөгү эң жакын», – деп айтканын көңүлгө тутуп, «Диванды» революцияга чейинки кыргыз адабиятынын башаттарынын бири катары кароо менен толук бойдон кыргыз тилине которууга убакыт жетти деп бүтүм чыгаруубуз акыйкат.
Төмөндө «Дивандын» айрым үзүндүлөрүнүн кыргызча котормосун сунуш кылдык. «Дивандын» жалгыз көчүрмөсүнүн факсимилеси да, Р. Данкофф менен Ж. Келли даярдаган микрофише да колубузга жетпегендиктен, котормо Килисли Рифат (1915–1917-жылдарда) Стамбулда жарыялаган арабча басылыштын негизинде жүргүзүлдү (Өзбек ССР ИА Чыгыштаануу институтунун Кол жазмалар фондунда сакталат).
Котормодо кээ бир фрагменттердин арабча нускадагы уйкаштуу прозага таандык өзгөчөлүгүн сөз маанисинен тайбай сактоого умтулдук. Кайсы бир үзүндүлөрдү таржымалдоодо айрым котормолордо кетирилген калпыстыктарды көрсөттүк, себеби арабча нускадан текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок адистер бул котормолорду кеңири пайдаланууда.
Ч.ӨМҮРААЛЫ УУЛУ
ЖАЗЫЛЫК КУЛКОЖАКМАТ
Икая. Абалкы да, акыркы да байгамбар Мухаммед шайык Мансурга курма[1] берди. Аманат айтты:
- Менден беш жүз жыл кийин Түркстандан Кулкожакмат деген бир олуя чыгаар. Муну ошого бергейсиң деди. Эпаадам баскан-турган жериңде унут болоор, таңдайыңа сактаарың эп деди.
Арада канча бир заман тозду. Көөмөйдөгү жалгыз курманын кубаты сактап, дилин Акка арнап, Шаа Мансур жүрдү. Бир курдай эл жер кезип келатты эле, алдынан беш-алты тестиер бала ойноп чыкты. Боз ала чаң болгон бири түз эле шайыкка чуркап келип колун сунганы.
- Келиңиз, аманатымды бериңиз, – деп турганы.
Шаа Мансур унута жаздапыр, эми эстеди. Шашып тилинин алдына катылган курманы алаканына сала койду. Эми көрдү: шимилип сөөгү калыптыр. Байгамбарымдын аманатын сактай албадым деп саруулаган шайыктын шадыларынан алиги курманын сөөгү жылмышып жерге түштү. Ошондо бала эңкейип чавдан илгиртпей илип алды да:
- Жок олуям, башыңы салбаң! Байгамбарымдын маа жибергени мөмөсү эмес ушул өзөгү эле, – деп таңдайына сала коюп жүгүрүп жолуна салды…
Аталардан калган бу аңызды эске алып олтурганыбыздын жөнү бар. Көрсө данегине сыр каткан ар бир ыйык окуу улуу сапарда арыбай, ачпай, убакыт кумунун алдына көмүлбөй өтсүн үчүн, урпак зээнине жетсин үчүн дал ушул курма өңдөнүп сырты ширелүү шөкөттөлүп, билги иштелип чыгып, бирде кадимки көр пенденин көзүн азгырса, бирде ичи арам душманды алдап изин жазгырып, дал ошолордун тили менен, ошолордун дили – үнү менен ооздон-оозго көчүп, өзөгүнө тунган эң улуу касиетин өчүрбөй, сыймыгын учурбай, атадан-балага өтүп тирүү демин сактап келет экен. Ушу ыңгайдан алганда дегеле атамзамандан берки ар бир ыйык, керемет окуунун маанимаңызы, тарых-таржымалы дегенибиз акыры барып келип эле бу жаадай зың-зың керилген зыл убакыттын ар кай мерчеминде туруп алышып, байгамбарлардын бир-бири менен үн алышканы шекилденет.
Жазылык Кулкожакмат дал ошондой мезгил карытып кыйыр кезген, ыйык окуунун данегин карманып калган, өз заманынын бир олуязаадасы. Күнү кечегиге дейин ар бир муслим түрк баласынын оозунда аты аздек менен айтылган бу олуянын жашоо жайы, окуусу далайыбыз үчүн дале жабык сыр бойдон калып келет. Олуя атабыздын өмүрү же окуусу, болбосо экметтери жайында кеп салаардан оболу дегеле айтпай-дебей коюуга мүмкүн болбогон айрым жагдайларга жалпы жонунан болсо да токтоло өтүүнүн зарылдыгы бар. Алар кайсылар?
Биринчи. Жалпы түрк дүйнөсүнүн ислам менен болгон көп кырлуу алакасы. Исламдын дүйнөлүк үч улуу диндин бири катары канат бутагынын жайылышында түрк элинин ролу.
Экинчи. Жалпы сопулуктун (суфизм) ичиндеги түрк элинин эң көрүнүктүү өкүлү катары Жазылык Кулкожакматтын өзүнүн алган орду.
Үчүнчү. Жазылык Кулкожакматтын же суфизмдин кыргыз турмушундагы алган орду.
Ар бири өзүнчө кең-кесири сөзгө арзыган бу маселелер тууралуу келечектин кеби тургандыр. Биз бүгүн тек анын жалпы удулун кармоого ниет кылып көрөлү.
Байкасак ислам буга дейре көп эле иликтениптир. Бирок калыстык ирээти айтып өтүү парыз – Кеңеш доорунда жарык көргөн изилдөөлөрдүн дээрлик басымдуусу исламды кан сөлдөн ажыратып караган канатсыз атеизмдин гана деңгээлинде калып кеткен. Аларга исламды ичкериден түшүнүү эмес, өзүнүн белгилүү таптык-идеологиялык тургусунан туруп баа берүү, эгешкен душман тутуу мүнөздүү. Ал эми мындай келишкис мамиленин жетээр чеги белгилүү; биз азыркы күндөгү «көңкөкүрөк»
(бездуховность) деп атаган абалыбыз ошонун бир гана көрүнүшү. Ырасында ар бир диндин алмустактан бери үзүлбөй келаткан РУХ тууралуу окуу катары адамзаттын турмушунда ээлеген айгине орду бар. Бүгүнкү күндө ошол миңдеген жылдар бою адам тажрыйбасы, руханий изденүүсү жыйнаган рух окуусуна карата кайдыгер мамиле өзгөрүүдө. Буга айкын мисал: азыр 1918-жылы кабыл алынган «Чиркөөнү мамлекеттен жана мектептен ажыратуу» жөнүндөгү белгилүү декреттин кайрадан каралып, дин уюмдары жана ишеним эркиндиги жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы. Демек, алдыдагы милдет да жетимиш жыл бою таңууланган бир беткейликтен арылуу, кылымдардын бизге калтырган окуусунда эмине данектүү ой, тажрыйба болсо анын маңызын татуу, таануу, урпакка узатуу болуп саналат. Бул – исламдын дүнүйөлүк үч улуу диндин бири катары жалпы эле биздин турмушубуздан алаар алдыдагы орду жайында түрүлүү турган маселе. Мындан тышкары анчейин айтылбай көмүскө калып келаткан, биз үчүн түздөн-түз мааниси бар дагы бир маселе бар. Ал ислам менен болгон түркий элдердин көп жактуу алакасынын алиге бир беткей түшүндүрүлүп келатышы, башкача айтканда, бир элдин дин күжүрмөн активдүү, экинчи элдин дин кабыл кой маарек пассивдүү сыпатталып жүрүшү. Тарыхка кылчая баксак бизде динге каршы «панисламизм» деп жарыя ачылган согуш дайыма «пантюркизм» деген түшүнүктү кошо илээштирип «таап» чыгып, эки түшүнүк бир мерчемде эриш-аркак, бир синонимде айтылып, «динге күрөш» деген чүмбөт алдында калктын руханий казынасына кара чабуул салынып, рух тозгону да белгилүү. Мына ошол казармалык социализмдин тушунда жүргөн куугунтук биздин ислам ичиндеги тарыхыбызга байланышкан кай бир маселелердин, атаганда ислам дүйнөсүнө түрк калкынын сиңирген ролунун айтылбай калып кетишине, кыйла унут болушуна да себепкер болгон. Ал эми тарыхта эч бир нерсе күдүк калбашы керек, ар окуя өзүнүн мыйзамдуу ордун алышы керек. А чыныгы абал билишибизче кандай эле?
… Ыйса жыл санагындагы VII кылымга дейре ар уруусу ар түрдүү бутка сыйынган бүткүл Араб дүйнөсүнүн башын кошуп, бир диндин тегерегине ийриген соң ислам өзүнүн чабытын кең керди. Күн батышка түндүк Африканы бойлой чаап Гибралтар кечип бүткүл Испанияны бой сундурду. Күн туушка канатын жайып Ирак, Сирияны алды. Кудусту (Палестинаны) чаап, Рум аскерин тоздурду. Өз заманындагы кудуреттүү мамлекет Ирандын а кыйырынан бу кыйырына атчан чаап өткөн тейде бир жуманын ичинде зор падышачылыкты тизе бүктүрдү. Ислам адеп чыкканда кызыл кыяндай шыркырап, кубаттуу чыкканын туюнуу үчүн ушул мисал жетиштүү болоор. Мына ушундай эбегейсиз күч-кубатка эгедер арабдар эми учкаяк аргымактарын алкынтып түз эле Түркстан үстүнө салды. Иран өкүмдары Жезиттин Мерв шаарына качып келип, түрк ичинен сыйынт тапканын шылтоо тутуп аскер башы Абдулла бин Омар бин Керээз калың кол менен селдей куушуруп, Мерв шаарды алды. Жезитти тутту. Бул окуя ижаараттын 30-жылында, Ыйса эсебинде 652-жылында болуп өттү. Түрктөр менен арабдардын узак-узакка, бир кылымга жуук созулган урушу мына ушундайча башталды. Абалы айыгышкан каршылыктарга учураса да уюшкан жоокер эл аздап Орто Азияга тереңдей кирип, 46-жылы Аму сууну кечти. Эки-Суу (Маверенахр) арасына аяк басты. 51-жылы кол башчы Абдулла бин Зияд Букар менен Самаркандды алды. Азыраак тыныгуу жасап дагы түрк калкынын тереңине кирмекчи болгон арабдарды түрктөр ижараттын 61-жылында бир талкалап жолун бууду. «Жеңилбес» саналган аскердин жолуна минтип бөгөт коюлушу атактуу халиф Амид ал Маликдин Марвандын ачуусун козутту, эсепсиз аскер бөлүп Абдурахман бин Ахмед ал Ашас кол башчыны жана бир казатка атказды. Ал чактары Түрк каганаты канат бутагы жайылып, Оң канат, Сол канатка айрылып, бир четинен экинчи четине куш учуп жете алгыстай кеңейген кези эле. А демек белгилүү да, бу кыйыры а кыйырында не болуп, не койгонунан анча капарсыз, ар улусу өз бетинче дуулап ээн-жайкын өмүр кечирип, ошого тең абалкы Туман каган, Мукан каган, Тобок кагандан калган темирдей бекем бирдигине шек кеткен да чагы эле. Алардан кийин каганаттын башында турган Кутлук кагандын ашкере жумшак, жооштугунан пайдаланып, Сол (Чыгыш) канаты бара-бара ордодон кол үзүп бөлүнүүгө ык койгон болчу. Мына ушундай чакта Кутлук каган көз жуумп, такка анын иниси Мочжо-Капаган каган отурду. Бул ижараттын 79-жылы эле. Эр да, айлакер да Мочжо-Капаган каган чыгыштан берки бүткүл түрк калкынын күчүн бир тактага жыйып, 81-жылында Ибн Ашастын аскерин талкалап каганаттын чегин кайрыды. Бирар жылдан соң Арабстандан атактуу кол башчы Кутиб бин Ислам кайрадан аскер баштап келип, Букар, Самаркан, Ташкен, Фергана шаарларын жана бир алды, андан чыгышка ооп Кашкар шаарын камап басты. Ошондо Капаган каган бул кубаттуу аскерге күрөшүүнү агасы Кутлуктун уулу атактуу колбашчы Күлтегинге тапшырды. Күлтегин эр кол курап, араб аскерин тоздуруп, Аму сууга дейре сүрүп жеткен чагында, бүтүн түрк журту үчүн ушундай бир жооптуу кыйын-кысталаң күндө капыс Мочжо-Капаган каган кайтыш болуп кетти. Жаңыдан бириккен ордо кайра тарап кетээринде чочулаган Күлтегин эр атын моюнга бир салып, жазмыштын буйругуна көнүп, кан майдандан өксүп чыга берди. Колун баштап Ургун боюна кайтып кетти. Бул окуя ижаараттын 94-жылында болду. Эми ордо бийлигине Билги каган отурду. Ушу окуядан туура он бир жылдан соң Күлтегин эр кайрадан кол курап Маверенахрга аттанып келип, жер байырлай баштаган арабдарды Түркстан чегинен сүрдү.
Ошентип ислам идеясы түбүндө түрк журтуна кылычтын күчү менен таркабады. Ат жалына колу илээшсе болгону ээрден көчүк кылтайбай башын канжыгага байлап, согушуп жүрө берген бу калктын жортуулчул түрпүн байкап ислам билермандары аларды башка жол менен – динге алуу жолу менен баш ийдирүүнү көздөштү. Байгамбар окуусун таратып диниятчылар түрк журтун кезди. Булгар, Хазарлардан тартып (Араб Хазар согушу жүз алтымыш жыл созулган) чыгышы Кашкарга чейин түрк журту акырындап исламды кабыл этти. Келечектин изилдөөчүлөрү түрк журту дин исламды неликтен ийкемдүү кабылдашты деген суроого кененирээк жооп айтышаар, тек азырынча өзүбүз ишенген бир чындыкты белгилей отуралы. Ал мынабу. Биринчиден, түрктөрдүн буга чейинки дини – шамыянчылыгы, Көк Теңирге табынуусу, жер-суу тайыганы, жан тууралуу түшүнүгү, дүйнө өмүрдү үч тепкичтүү (жер алды, жер үстү, көк теңири) деп билүүсү ж.б. ишенимдери таң каларлыктай түрдө исламдын көп түшүнүктөрүнө шай келет. «Кудай» деген таптаза түркү сөз, тааным арабий «Таала» деген тааным менен табигый айкалышып, «Алла Таалага» так маанилеш бир чулу «Кудай Таала» түшүнүгү келип чыккандай эле эки жактагы эки түрдүү көчмөн калктын жан дүйнөлөрүндөгү көп жалпылыктар бир чекиттен жан оорутпай кесилишкен кейпи бар. Экинчиден, элди алган нерсе – исламдын акылман поэзиясы. Ооба, кандай айтсаң да жарашат, адам жанын көлкүлдөтүп терметип, алты катар асманга калкытып алып кеткен дал акылман поэзиясы! Буддизмдеги терең философия, Эски, Жаңы Осуяттагы кудуреттүү даанышмандык – мына ушул кош касиетке жан мукамын, дил авазын жууруңуз, – мына ушунда эгерде жүрөгүңүздөн бир нур сыбызгып төгүлөөр болсо, ал нурга аалам термелип жашыраар сыры калбай Жамшиддин алтын аягынан чагылгандай мүлдө сыры дилиңизден чагылып ыр болуп агылаар болсо, дүйнө сизден жаралса, шоолаланса, анда ислам мына ошол күзгү деп билиңиз. Бүтүн түркий дүйнөнүн көңкүдөн келген рух дөөлөтү, жан дасмыясы, баатыр, даанышмандар тууралуу улама-жомогу, накыл кеби пайгамбар, саабалардын өмүр-күрөшүнө, олуялардын окуясына, хадис икаяларга табияты боюнча таң каларлыктай үндөш түшүп түрктөрдүн исламды өз дини ирети эч кыйынчылыксыз, кыстоосуз кабылдап кетишине бир ыңгай түзгөн өңдүү. Ооба, өз дини катары! Анткени исламды кабыл эткен соң анын дүйнөлүк кадыр-баркынын артылышына, мурда араб тулпарларынын туягы жетпеген алыскы учтарга чейин ургаалдуу таралышына, басып кирген башка динден чечкиндүү корголушуна чоң себепкер да дал ушул уңгулуу-уюткулуу улуу түрк журту эле.
Тарыхтан белгилүү: Мухаммед пайгамбардан соң төрт чарыяр (Абабакир, Өмөр, Осмон, Аалы) тушунда халифаттын чеги мүлдө кеңиди. Алардан соң халифтик орун үчүн кыйла курч күрөштөр жүрдү. Бара түшүп зор халифаттын ар жеринде ордого бой сунбай моюн толгогон толкундар чыкты. Мына ушундай кырдаалда халифтер ээр үстүндө өмүр кечирген эр көкүрөк түрктөрдүн шерлигин, бу кыйырдан а кыйырга желдей сызган учкаяк жашоо мүнөзүн билги пайдаланышты. Айталы, тарыхка аттын кашкасындай таанымал Абассия халифтеринин сегизинчиси айтылуу Харун ар Рашид жалаң түрктөрдөн турган тандамал элүү миң черүүнү кашында такай кармап, халифаттын тартибин сактады. Саманийлерден тизгин талашып өзүнчө түрк хандыгын түзүп чыккан, бара түшүп бүтүн Чыгыш Иранды боюна жуткан Казына мамлекети (Газневиддер, м. 977-жылы, иж. 355-жылы) Алп Тегин, Сүбөк Тегин, кийин Сүбөк Тегин уулу Султан Махмуд тушунда күрүлдөп өстү. Индостандын ичкери жактарына дейре исламды абалы байма-бай жайылткандар да дал ошол казыналыктар болду. Отуз эки жыл хандыктын башында отурган Султан Махмуд тушунда Казына мамлекетинин бүткүл ислам дүйнөсүндө кадыры артты, султандын өзү эң бийик даражалуу «азирети» наамына татыды.
Ислам дүйнөсүн чыңдоодо селчок түрктөрүнүн да сиңирген эбегейсиз каармандыгы ай караңгысында лаулдап Асман-Жер арасында жанган оттой кай кылымдын мерчеминен карасаң да маңдайыңды жарытып турат. Селчок мамлекетин майданга баштап чыккан Тогрул бий (Эр Таргын – м. 1038-ж. иж. 416-ж) түрк-исламдын кош миздүү зулпукору болду. Бүтүн Кавказды чаап, Кичи Азияны аяк алдына басып турса, диндүү элдерди исламдын кызыкчылыгына кызмат кылдырды. Константинопольдун храмдары мечитке айландырылып, ислам ибаадатына кең жол ачылды, анда Тогрул бийдин ысмына багышталып, кубулжуп ар кез кутба окулду. Качан да болсун Рум тарабынан болуп келген коркунучка бөгөт коюлганына, исламдын арымы артышып, коопсуз түр күткөнүнө миң ыраазы халиф Каюм Балла (Абассия халифтеринин 26-сы) Тогрул бийди Багдадка чакыртып, эрдигине өзү таазим этти, ислам мамлекетинин Султаны деп тааныды. Кызынын колун тапшырды, исламдын бийлигин тапшырды. Тогрул бийден соң уулу Алп Арсландын тушунда, анын уулу Малик шаанын тушунда ислам чыгышында селчок дөөлөтүнө теңдеш күч калбады, бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн бийлиги колунда турду. Рум дөөлөтү болсо алым төлөп жолунда турду. Ал чакта диндин гана ооматы жүрбөй ар кыл илим-билим, маданият, искусство да гүлдөп өстү. Ислам тарыхында жана маданиятында алган жогоркудай ардак ордун айтпаганда да кийинки ХI кылымдын соң жагында пайгамбардын кабырын бошотуу шылтоосу менен бүткүл Европаны түп көтөрүп бир туу алдына жыйып, Чыгышка карай жүргөн крестүүлөрдүн жортуулун эң алгач көкүрөк жайып каршы алган, кан дайра менен жолун бууп, киши өлүк менен чеп тоскон да дал ушул селчок түрктөрү болгонун эске алсак анда исламдын сакталып калышында гана эмес жалпы эле Чыгыштын тагдырында ойногон түрктөрдүн ченемсиз ролунун баасын айкын сезүүгө болоор эле. Баш-аягы эки кылымдан ашуун созулуп (1095–1321-жж.) узарып кеткен бул ырайымсыз согуштун эң биринчи урунган ургундай күчүн дамамат майтарган дал ушул селчоктор экенин, Султан биринчи Кылыч Арслан, анын уулу Султан Маасуд, анын уулу Султан экинчи Кылыч Арслан, Мосулдан чыккан султан Салах ал дин Айып азирет сындуу түрк кабыландарынын ысмы ислам асманында жарык жылдыз болуп маңги жанып калгандыгын эстесек, анда «ислам тарыхы, ислам тагдыры» дегенибиз жалаң гана арабий түшүнүк болуудан калат, анын тамырында жүгүргөн Көк Теңирдин кулундарынын көгүлтүр каны дааналанып көз алдыга тартылып чыга келет! Жетишээр эми. Мына ушунун баарынан соң Каракандар мезгилинде, Хорезм шаалар заманында, Осмон түрктөрүнүн тушунда, Орто Азия ренессансында исламдын гүлдөп өсүшүнө түрк көкүрөгүнүн түтөгөн күчү салган Улуу Демдин ролун эми айтып отуруу артыкбаштык кылаар…
[1] Аналхак. Ахмед Йассави хикметинде курманы Арстан баба берди делет.
…Багдад. Ижаараттын 200-жылы. Көктөн күн күлүп, жерден амал келип, бул аалам кудайынан кумурскасына чейин бир ууз тилекке муюп, жүзүңдү сылап өткөн желаргыга жаңы гана бүр черткен байчечекей жумшак сыдырылган баар айы. Дүйнөдө эч заманда, эч качан, эч бир жамандык болбогондой…
Калың эл логлоп жыйылган кең аянтка көп кыйноо тартып абыгер чеккен, бирок дале жүүнү тирүү бир мусапырды алып чыгышты. Күнөөсүн жарыя айтышты: Кудай безер! Дин азар! Кол аягын керип жиберишип жан чыдагыс кыйноого алышты. Акырында ар мүчөсүн жиликтеп, башын кесип, денесин өрттөп, ыпым күлүн да калтырбай шамалга сапырып бу жахандан изсиз айдашты. Бирок ошондо да, актык деми бүтөөрүндө да анын жападан жалгыз айтканы, бүт карап турган калайыктын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер дүрбөтүп, кайра-кайра какшанып турганы бу болду:
- Ан ал Хак! Мен йам Хак! Ан ал Хак! Мен йам Хак!
Исламдын тарыхында аты аңызга айланган атактуу сопу Абу-л Мугис ал Хусейн ибн Мансур ал Халлаж ошол эле. Сопулук (суфизм) дал мына ушинтип отко өрттөлүп, күлү сапырылып жүрүп, улуу руханий эрдик менен акыр түбү өзүнө жол ачкан эле… Алла БАР жана ал БИРӨӨ гана. Алланын элеси да, сыпаты да айтып болгус. Бар танапты камтыган, бар болмушту тескеген, башы да жок, аягы да жок чексиз көөлбүп созулган ЗОР КУДУРЕТ, бечел пендеге аңдалбас УЛУУ НЕГИЗ (субстанция) деп билген классикалык исламдын бийиктигин таанып, бирок аны менен чектелбей ага өзүнө тете улуу каяша ыргытып:
- Жок! Адам Кудайга өзү аркылуу жол салып жетүүгө кудуреттүү. Өзүнөн өчүп, Аллага көчүп, жаны жаркып АНЫ сезип-туймагы бар, ал турсун дили жуурулушуп бир чулу бүтүнгө айлана барып акыр түбү АНЫ таанымагы бар! Бир уюмагы бар! – деп улуу кубаттуу жар салды: «Алда-Кудай, Мен-Кудай! Алда-Кудай, Мен-Кудай!»
Адам рухунун мынчалык батыл чыңырыгын башка диндердин тарыхы билбейт! Исламдын ичинде өзүнчө бир иримденип, Көккө көк буурул көбүк серпип агып жаткан бул албуут дайранын шоокум сыры алиге аңдалып бүтпөй келет (ал эми биздин шартта аңдалышы да күмөндөр). Мына ушундай тек-маңызы тереңге кеткен сопулардын окуусу күнү кечээгиге чейин жакшыраак изилденбеди. Прагматик Күн Батыш өзүнө түк окшобогон, дүйнө таанымы өзгөчө тегиздикте – рух тегиздигинде жаткан даанышман Күн Чыгышка текебер мамиле этти. Тек убакыттын катаал чындыгы, улуу акыйкаттын мыйзамы гана аны даосизмдин, ведизмдин, буддизмдин, Куңзынын түпсүз тереңдигинин алдында айласыз тизе бүктүрдү. Адам рухунун ажайып улуулугун, ааламга танапташ бирдигин жар салган ушул диний-философиялык, адеп-ахлак окууларын кызуу үйрөнүп жатышып Батыш аалимдери жолунда көк дөбөдөй чөгүп жаткан, айланып өтүүгө болбой турган сопулардын окуусуна акыры түбү мыйзам ченемдүү түрдө кез болушту. Аны философиялык аспектиде окуп түшүнүүгө бет бурушту. Мындай мамиле акыркы гана жылдарда чындап башталып отурат. Эми жогорто биздин шартта сопулуктун тереңи түгөл аңдалышы да күмөндөр дешибиздин жөнү бул. Тынымсыз куугунтукка алынган сопулукту исламдын салттуу таанымы менен эптүү элдештирген, суфизмди адеп азаттыкка алып чыккан чыгаан философ, сопу ал Газалиден соңку (1058–1111) сопулуктун негизин таанытууда эбегейсиз эмгек сиңирген кашкөй диниятчы, көздөй авторитет, кашкалардын кашкасы Ибн Араби (1165–1240) бардыгы 560 баптан турган «Футтухат меккия» аттуу фундаменталдуу, көп томдуу китебинде: «Сопу илиминин бир да бир шартын, идеясын толук камтып жазууга кудуретим жетишпеди» деп армандаптыр. Сопулардын сопусу, ойчулдардын ойчулу өзү ушинтип атканда, биздин кай бир карандай атеист изилдөөчүлөрүбүз кара жанын канчалык карч урушса да жетээр жери бая Айсараласын алкынтып караңгы түндө «канча бир жол басып койгон» Ыманбай атабыздын чегинен анча деле ашып түшпөчүдөй туюлат. Не дегенде сопулук түбүндө рационализмге эмес иррационализмге негизденет. Ал АКЫЙКАТ, АКТЫН нак маңызын ойлоо аркылуу эмес жан жаркыны (озарение, просветление) алдында гана жарк (!) ачылат деп нускайт. Демек, суфизмди ичкериден ачуу үчүн АБАЛды баштан кечирмек лаазым. Дагы бир маанилүү учур: сопулуктун башатын иликтеген кай бир Батыш аалимдери анын учугун исламга чейинки эртеги тарса динден, эллиндердин философиясынан, неоплатонизмден чубап чыгышат. Марксизмди догма туткан кай бирлер болсо суфизм тек VIII кылымдын баш ченинде зор араб халифатында таптык жиктелүү тез жүрүп өткөндө, талоончул согуштарда ислам коому колуна байлык топтогон бардарларга жана колунда жок жай адамдарга, жакырларга чарт бөлүнгөндө түзүлгөн социалдык, экономикалык, саясий теңсиздикке каршы көтөрүлгөн эмгекчи элдин, айрыкча шаар калкынын социалдык козголоңунан келип чыкты деп эсептейт. Бирок жакшылап ойлоп баксак сопулуктун табияты иралды буддизм жана даосизм менен таң каларлыктай түрдө үндөшүп турганы баамга илинет. Ал эми буддизмдин эң алгач түйүлдүгү түп мекени Орто Азияда түйүлгөнү маалым. Ушундан улам булардын ортосундагы тээ бир эзелки тектештик, киндиктештик жайындагы ой тынчыбызды алат. Бул өзү атай ын кеңири сөзгө арзыган жагдай, антсе да кеп ыңгайына жараша азыраак чегинүү жасап, өзөктүү түшүнүктөр сыйган бирин-экин мисалды кошо тарталы.
Үйүм, үй дейсиң, үйдү чаң басат, Кыйбастык сезим – кыйноого башат. Кыйырды кезүү, үй-жайсыз безүү, Мынакей ушул – Муниде адат.
(«Муни тууралуу сутта»)
Үйүм, үй дейсиң, о неткен тарлык, Үйүң бир топо – кордук да зарлык.
Көр дүйнө жери, кеңдикке эри!
Деген да Муни тениген каңгып…
(«Жерүү тууралуу сутта»)
Курдум бир Кеме, толкунга урагыс, Күр дайра жиреп өйүзгө өттүм.
Көр дүйнө соңдо, бүлбүл тур алыс… О Теңир, мейлиң, нөшөрүң төккүн!
Балам бар дейсиң, а кайгың – бала, Малым бар дейсиң, мал кайгы жана. Бала да, мал да – байлалуу балаа, Башы азат гана кайгысыз Даана!
(«Дханийа тууралуу сутта»)
Булар бутпарас идеясын чагылдырган байыркы индус эстеликтери – «сутта – нипаталардан бир үзүм (котормо автордуку). Ал эми бул саптар Кулкожакматтын экметтеринен:
…Ак-Кара алмаш айланган, Күнү-Түнгө байыр алган, Энеге ээрчип байланган, ит кейпинде калды– ыя. …Олуяга жеткендер – тарки дүйнө эткендер,
Ыклас кылган Кул анык муратына жетти-ыя.
(19-хикмет)
Анык билгин бу дүйнө барча калктан өтөр-а, Ишенбегин малыңа, бир күн колдон кетер-а.
Атаң, энең, тууганың агып кетер кыяндай, Төрт аяктуу жетпес жер бир башыңа түшөр-а.
Аялың да, балаң да, эч ким болбос арача,
Карып болуп кайран баш, өмүрүң бир күн өтөр-а.
(8-хикмет)
…Вахданият Кемесинин Сырын билбей,
Ышкы сыйган купуя сөздөн кабар илбей, «Тажрид», «тафрид» иштерини ада кылбай, «Ал таухид» мийвасынан алса болбос.
(79-хикмет)
Эки мисалда тең дүйнө азар – мыртазачылык ачык да, дайын да турат. Муну айтпаганда да, бу идеялар, дагы, Жерге-Көккө мөлт жалганып Дао-Жолго жуурулуп кетүүгө чакырык салган даосизмдин эң башкы идеясына да үндөш жаңыраарын мындай койгондо да, «Даонун» иероглиф белгисинин өзү Кеменин сыпатында берилээрин эстесек анда даосизмдеги, буддизмдеги, суфизмдеги эң мүнөздүү символ – Дүйнөлүк Кеменин мазмуну айкындалат, жана анын Багыт-Жолу оожалган Мухит жиреп, өлүмөмүр чегинен чыгып Нирванага, Башатка, Акка кайып бараары авдалат – Дал Ортодон (Даодон) Жол көзөп… Чыгыштын илим окууларындагы жалпы киндиктештик жайында ой толгоого азгырык таштайт. Суфизм бир ислам менен чектелбей ушул зор кеңдикте жайылып жаткан бир туташ диний-философиялык жалпылыкта, байланыш бирдикте каралганда гана өз сырын чындап жандыраар. Муну атайын белгилеп атканыбыздын жөнү бар. Ал Күн Тууштан Күн Батышка жаадай керилген бүтүндөй көчмөн дүйнөнү канатына каткан көчмөндөрдүн байыркы төл таанымы – Теңирчиликке байланыштуу.
Теңирчиликтин теги эң эле түпкү тереңге кетет. Ал бир канаты менен Чын Маачындан тарта бүтүн Ыраакы Чыгышты чапчыган даосчулук жана куңфучулук менен кыйма-чийме байланыштарда жатса, экинчи канаты Күн Жүрүш менен Батышты басып байыркы Хет, Этрурия, Шумер, Зороастрий дүйнөсүнө жалганат. Алыскы Чыгыштан Америка континентине аргыйт. Арийне, көчмөн дүйнөнүн өзүнө гана таан өзгөчөлүктөрүн өзүндө – жүрөк толтосунда сактай олтуруп… Ал бөркүбүздөй турулуу. Кеп мында ушул жамаатташ зор таанымдар менен Борбор Азия уюлунан угулган канат күүнүн кандайча жаңырыкташканында, таасирлешүү мүнөзү, багыты ж.б. оош-кыйыш, оомал-төкмөлүү жайында. Буга чейин башкалар тарабынан бир тажабай айтыла берип тиш камаган, жалаң «сырт таасирден мите азыктандырган» мифти серпип салып Азия Буудайыгы – көчмөн духтун өзүнүн бийик туурун табышында, «дүйнөлүк улуу» делген баардык илим-окууларга булактап ийип калган Башат Ордун таанышында, таанытышында, мыйзамдуу ордун алышында…
Демек, сөз, акыйкатта, бир караганда баары айкындай көрүнүп стереотипке айланып бүткөн, көчмөндөрдү жапайы – варвар атыктырган үстүңкү үстүрт катмар жайында эмес, көөнөрбөс, тозбос Алтын Кор, көрүнбөй далдаа калган айсбергдин аркы тереңдиги жайында жүрүшү абзел. Ал эми бул, бая айткандай, атайын улуу сөзгө арзыйт. Бул чегинимдин жөнү, бир жагы; суфизмдин теги кечээги Ыйса пайгамбардын жыл санагынын ары-берисинде эмес, же ислам тарыхый аренага чыккандан соңку тактада эмес, андан алдаганча арыда, карт Азиянын караңгы тарыхында катылып жаткан Ак Илим экенин нускай өтүү зарылдыгынан туулганы. Экинчи жагы; байыркы көчмөндөрдүн ата таанымы Теңирчилик менен бир башат байланышта жатканын баамга алтын сырга иле кетүү. Ал эми андагы мейлинче учураган арабий термин, айат жаңырыктары, авлия – пайгамбарлардын ысымы жыш себеби – тынымсыз кол буту кескиленип мунжуланган, тынымсыз сөөгү өрттөлүп күлү сапырылган аналхак абалдын өзүн сактоо үчүн жандалбас уруп, ислам кебин кийгендеги айласыз абалдын «жемиши». Аал, маңызы (кеби эмес!) , айтылды, алыскы кыйырдан жылжып калган…
Эми сөзүбүздү кайра өз нугуна кайырсак болот. Токтолгон ойду улай айтсак, алгачкы аты дайын сопулар Хасан ал Басри (642–728) менен Рабийа ибн Хайсамдан (686-ж. өлгөн) эки жүз жылдай кеч чыккан Аналхактын эли халлаж, б.а. калач. Калач элинин түбү түркий насилдүү. Аңыз боюнча ал Угуз каган бир жоокерине койгон ысым. Калачтар ошондон таралган калк. Ушул ойду кыйыр бекемдөөдө кызмат өтөөгө жарамдуу, бирок ислам диниятчылары тарабынан кыргыз элди арабка алпарып жамоо ниетинен гана жаралган деп эсептелген, а чынында данектүү бир аңыз бар калкыбызда. Ал – Аналхактын өрттөлгөн күлүн сууга салып жиберишкени, хандын кызы баштап сейилде жүргөн кырк кыздын сууда калкып келаткан көбүктүн даамын татышып кош бойлуу болушканы, ошол кырк кыздан кыргыз тукуму тарап чыкканы тууралуу аңыз. Бул аңызды биз «кыргыз» ысымы ушундан келип чыкты деген ойду бекемдеш үчүн мисал тартканыбыз жок. Мында кыргыз аталышын эң эрте белгилүү болгон ысым ирети жалпы түркий мүнөздө түшүнгөнүбүз туура. Өз насили касиеттүү Аналхакты эл генийи кайрадан өзүнө ушундайча бир жол менен кайырып алгысы келсе керек деген ойду айткыбыз бар. Мына ошол теги исламдан оо канча ары жаткан терең окуунун жалпы түрк жана кайрадан кайрылышы суфизмдин түркү элиндеги атактуу өкүлү, түрк сопуларынын атасы Жазылык Кулкожакматтын ысымы менен түздөн-түз байла ныштуу.
Кулкожакмат ХI кылымдын соңу, XII кылымдын башында жашап өткөн. Анын орду соңку миң жылдыктагы жалпы түрк асманында жарык жанган жылдыздар – Кашкарлык Махмуд, Баласагундук Жусуп бабаларыбыздын ысымдарынын тең катарында турат. Заманындагы залкар, түркү тилин даңазалаган Аалышер Навои түбүнөн түркчө ырдаган ага «шайыктардын машайыгы» деп мактал айткан. Ал суфизм ичиндеги «йассавия» деп аталган өзгөчө бир багытты негиздеген, жашы алтымыш үчкө караган чагында: «мындан аркы жашоо мен үчүн арам, пайгамбарымдан артык жер үстүн тепсеп жүргүм жок» деп жер астына кирип кеткен, калган өмүрүн сызда кечирген. Мундуктан көзү тирүүсүндө эле аты аздектелип зор ыйбаа менен «Азирети Түркүстан» деп атанган. Анын накыл осуятында суфизм философиясынын поэтикалык жандырмагы берилген. Андыктан мейли жер кезген дервиш же календер болсун, же аса таягын чагылгандай шилтеп «күү-күүлөп» алда-үй айткан думана болсун, болбосо замана түрпүн санаттап дүйнө түргөн меселчи Даана болсун, өзүлөрү билип да билбей да, туюп да туйбай да дал ушул Кулкожакмат олуянын канаттуу хикметтерин айтып калк ичине таратып жүрүшкөн. Анын таржымалы толук дайын эмес. Туулган да, өлгөн да жылдары талаш. Бирээри аны 120 жашка чыгарышса, экинчилери 125–130 жашка чыгып өлгөн дешет. Түрк аалымы Камал Эр Аслан кыйла маалыматтарды салыштыра отуруп аны 83–84 жашында, б.а. 1166-жылы дүйнө салса керек деп болжойт. Анын туулган жери Йасы шаар, кийин Түркстан аталды дешет. Казак жергесинде Түркстан шаарында Аксак Темир тарабынан ага арналып курулган күмбөзү бар. Ушундан улам анын туулган жери Түркстан шаары деген көз караш талашсыз чындык катары сунулат. Бирок менимче бул талаштуу көз караш. Түркстан шаарынын эски аты Йасы болгонун тарыхый булактардан учурата албадым. «Түрк тарыхы» деген китептин авторлору Кабир Туйка, Фазил Туйканын айтуусунда Кулкожакмат Түркстан шаарынан беш чакырым обочо Йасы деген айылда туулган. Демек Түркстан Йасы эмес. Ал эми анын өзүнүн жазгандарына серп салсак, ал өзү тууралуу кай бир биографиялык маалыматтарды хикметтеринде калтырып кеткенин байкайбыз. Мисалы 148-хикметте:
Йасы сувнуң арасы, йанур көвхар парасы,
Машайыглар сарасы, шайыгым Ахмед Йассави, – деп жазат.
Сөз Йасы суусу тууралуу барат. Ал эми бул суу эскиден аты белгилүү кадимки Өзгөндү жандай аккан Жазынын суусу болушу мүмкүн. Буга бизди Өзгөн деген аттын теги да ынандырат. Биздин оюбузча ал Йасыкенд же Жазыдагы шаар, калаа дегенди билдирет. Убакыттын өтүшү менен дабышы өзгөрүп Йаскенд, Узгенд, Өзгөн болуп айтылып калган чыгаар. Кулкожакмат дал ушул Жазы боюндагы шаарда туулуп, кийин Түркстан шаарында турук алса керектир. Муну түз болбосо да мындай бир кыйыр далилдерди кошо келтирип ырастап көрсө болоор эле. Байыркы Ош аймагы, Сулайман тоосу эзелтен ыйык жай саналып, олуялардын мекенине айланган. Ал эми Каракандар дөөлөтү түзүлгөн соң сопулардын окуусунун да очогу болгон. Өзгөндөгү мүрзө үстүнө коюлган таштагы жазууларга үңүлсөк дээрлик басымдуусу шайыктарга арналганын көрүүгө болот. Бул болсо ушул чөлкөмдөгү суфизмдин кең жайылган чабытын аныктайт. Ошондой эле санжыраларда Арсланбаптын эски аты Бабаштын тоосу же Бабаш Ата деп аталаары белгилүү. Ал эми Арслан Баба Кулкожакматтын устаты, таанымал сопу болгон. Аны Кулкожакмат өз хикметтеринин канча бир жеринде сүймөнчүлүк менен эскерет, Кабыры ошол тоодо жайгашты деген да кеп бар. Жер аты мына ушул себептүү кийин ыйык сопунун ысмында Арсланбап болуп оошсо керек.
Кулкожакмат бабабыздын туулган жери биздин Жазы болсо керек дегенибиздин жөнү ушул.
Кулкожакмат Арслан бабадан соң Букардагы чоң сопу Абдухалык Абдувазиден (Юсуф ал Хамадани) таалим алган.
Кийин Түркстан шаарына келип, ошол жерде өзүнүн мектебин түзөт. Суфизмдин иштелип чыккан шарт-эрежелерине түрк элинин учурдагы салт-санаасын, адеп-ахлагын эптүү кыйыштырып киргизет, зикир чалуу жана башка ырым-жырымдарын жалаң араб эмес түркү тилинде да түзөөгө кең жол ачат. Артыкча укукка ээ саналган «кудай сүйгөн» ыйык араб тилине жанаша эне тилдин кадырын көтөрүп, ислам ичиндеги атаанчыл жөндөмүн арттырып, анын зор мүмкүнчүлүгүн башкаларга да жарыя ачат. Мына тогуз жүз жылга жуук түрк мусулмандарынын колунан түшпөй аздектелген атактуу хикметтерин жазат. Хикметтерине жолдомо сөзүндө сопулук илими эмне экенин дүңүнөн таржымалайт.
– Эй дервиш, билгил ва акаа болгул ким; авал келме шариат, экинчи келме тарикат, үчүнчү келме маарифат, төртүнчү келме хакикатны билмек керек. Агер сопу болуп бу келмелерин билбесе сопу эмес.
Сопу болуу үчүн ушул төрт баскычты басуу, таануу зарыл. Бул төрт баскычыбыз кайсы?
Абалы шариатты билмек керек. Шариатты билүү деген ал Алланын БИРЛИГИН, БАРЛЫГЫН таануу, анын элчиси деп пайгамбар Мухаммедди билүү, ошондой эле мусулман баласы үчүн аткаруу шарт болгон парыздарды туура тутуу. Классикалык ислам муслим болуу үчүн ушуну жетиштүү деп эсептейт.
Кудай жолунда мусулманчылыгын так аткарган такыбадар пенде о дүйнөдө түз бейишке чыгаарын айтат. Бирок суфизмди бул алымсындырбайт, шариаттын жолжоболорун билүү, түгөл кармануу бул али пенде жолунун жеткен чеги эмес, балким башталышы гана деп билет. Анткени шариат бар болгону диндин кэби (кабыгы), ал диндин даны болсо тарикатта деп билет. Кулкожакмат олуя бу тууралуу мындай дейт:
Маарипаттын минбарына минмейинче, Шариаттын иштерини билсе болбос. Шариаттын иштерини ада кылбай,
Тарикаттын майданына кирсе болбос.
(79-хикмет)
Же:
Кылар болсо ким тарикат дубасыны, Аавал кадам шариатка коймок керек. Шариаттын иштерин бүт ада кылып, Ошондон соң ал дубаны ойлош керек.
Шариатсыз жете албастыр тарикатка, Тарикатсыз өтө албастыр Акыйкатка. Шул жолдордун башаты бүт шариатта, Бар ыраатын шариаттан сүрмөк керек.
(98-хикмет)
Экинчи баскыч тарикатта муслим түп мүдөөсүнө карай чыныгы кадамын таштайт, өзүн сопулукка даярдайт. Пирге кол берип (устатына бүт өмүрүн, тагдырын тапшыруу), иштелип чыккан өзгөчө жүрүм-турум эрежелерин тутуп, бу дүйнөнү тарки кылып бүткүл иш-аракетин, жан жүйөөсүн ышкы жолуна бурат. Думана жашоо кечирет. Ит напсини өлтүрөт. Дүйнөдөн кечет. Тапканын карып жетимге үлөштүрөт. Тагдырды тааныйт. Бар – жокко канаагат кылат. Ушинтип көр пенделигинен тазаланып АК боюна жакындайт. Тарика – араб тилинде жол, багыт дегенди билдирет. Суфизм өзүнүн ушул өтө сыйымдуу түшүнүгү менен байыркы Чыгыштын даосизм, буддизм жана экөөнүн синтезинен бүткөн чань-буддизм философиясы менен өзөктөшкөнүн байкоо анчалык кыйын эмес. Тарикат жайы экметтерде мындайча тастыкталат:
Тарикаттын шоогу, зоогу – күймөк, жанмак,
Актан безген топорлордон качмак, танмак,
Жүз, миң түрлүү жапаа салса боюн сунмак Моюн сунбай ышкы – дүкөн курса болбос.
(80-хикмет)
Же:
Тарикатка шариатсыз киргендердин, Шайтан келип ыйман-дилин алаар дешет. Ушул Жолдо пирсиз дуба кылгандары, Сарсаналуу аражолдо калаар дешет.
Тарикатка чын даанышман мүршүд керек,
Ал мүршүдкө жан ыкласман мурут керек,
Кызмат кылып Пир көңүлүн тапмак керек, Мындай Ашык Актан үлүш алаар дешет.
(84-хикмет)
Муслим тарикаттан соң маарифатка аяк басат. Маариф – араб тилинде илим-билим дегенди билдирет. Бирок сопулар жеткен бул билим тек биздин демейки таанымыбыздагы билим эмес, өзгөчө билим. Тарикат баскычын өткөн пенде, тарки кылып бу дүйнөнү тепкен пенде бу өтөөр-кетээр дүнүйөнүн туу казыгы өзү экенин туюп, бу он сегиз миң ааламдын улуу удулу АККА карай кеткен жол дал өзүнөн башталаарын аңдап, Адам АКТЫН жердеги бир нуру экени дээр-зээнинде жылт чагылып, жашооөмүрдүн көздөй максаты, бар маңыз-идеясы бая Аналхак жар салган АККА жанашуу идеясы экени бүтүндөй басып өткөн ЖОЛУ аркылуу астейдил сызылып чыгып, дилине чыккыс орноп, ал улуу ЧЫНДЫКТЫН босогосуна дагы жакындап барат. Маарифатка жеткен муслим үчүн бу жарыкта жабык, жашыруун сыр калбай калат. Суфизм илимдин жеткен чеги.
Шариаттын олпок, зоотун киймейинче,
Тарикаттын бурагына минмейинче,
Табышмактын ааламына кирмейинче, Акыйкаттын майданына барса болбос.
(76-хикмет)
Мухабаттын гүлзарында азар дастан,
Булбул сайраар, мукамынан муң куюлуур.
Маарипаттын майданында жолон кылган, Күнү-түнү көздүн жашын салаа кылуур.
(72-хикмет)
Мухабаттын гүлзарында булбул өңдүү, Саар менен муңлап, ыйлап конгум келүүр. Ошол кезде Жараткандын жамалыны,
Маани көзү менен айан көргүм келүүр.
(75-хикмет)
Эми ал үчүн эң акыркы баскыч АКТЫ таануу, АНЫН боюна куюлуу, биригүү, денинде эрип жок болуу, жок болуп жатып ЖАНЫН жалгап табылуу, күндөй алоого өз нурун улаштыруу гана калат. АККА жанашуу үчүн суфизм интуицияга негизделген не бир ийкемдүү шартжоболордун бүтүндөй бир жыйымын иштеп чыккан. Йог өнөрү мисал сезим-кыймыл чегинде ишке ашырылган татаал көнүгүүлөрдү тапкан. Муну түгөл өздөштүрүп чыгуу кемде кем гана пенденин үлүшүнө туш. Кулкожакмат: сопулукка бет бурган муслим абалы кырк жыл бою пирдин (устаттын) кол астында кызмат өтөшү керек дейт. Мына ушул кырк жыл ичинде пирдин нускоосу алдында ал суфизмдин татаал илиминин негизин гана тааныйт. Андан ары ал АККА карай кызылдай гана өзү аркылуу жол салат. Бул пендеден укмуштай эркти, руханий эрдикти талап этет. АК жолуна бет бурган далай муслим ара жолдо арып ачып, акылынан адашып, думаначылыктын бийик сересине жете албай буркулдап ак урган тейде буулуккан жиндиге айланып, КАН ЖОЛДУН бүлбүл учу кан чайган карегинде үзүлүп армандуу баш чайкап кала бергени ошондондур… Ошол арман жолдун учуна Кара Тоонун шиш чокусундай болуп тунуп, бар келээр-кетээринен арылып, жаны-көөнү тунук жеткен муслим гана сопу боло алмак. Анткени:
Ышкы Сырын баян кылсам Ашыктарга,
Такаат кылбай таш талкандап кетээр, достор. Тоо, таш, сууга… ууга-чууга баш койгулап, Жар, баладан, үй-жайынан безээр, достор.
Отко күйдүм, жандан тойдум, хайран болдум, Бул кандай от күйбөй, жанбай, боройлогон?
Мухабаттын Ак нурунда карайладым!
Карыкканча Жол караган табаар, достор.
(38-хикмет)
Ушинтип Алланын атын, АШЫК ырын тынымсыз кайра-кайра кайталап сүкүт салып, же «күү-күүлөп» зикир чалып жатып ал өзүн акыр түбү түгөл бойдон унутат да улуу экстаз, татаал транс абалына жетет. Көзү ачылат! Дал ушул улуу ирмемде ден кишенин биротоло кыйратып, ден кабыгын шыркыратып өрттөп сапырып ЖАН жаркыйт, караңгы ааламынан калкып чыгып улуу НУРГА жанашат. АКТЫ тааныйт.
Ак дидарына алпарар Жол түндөй учсуз,
Таза Ышкыны таянбаган болоор күчсүз, Акыйкаттын дарыясынын ирими түпсүз, Коркпой сүзүп Ак Дидарын көрдүм, достор.
…Чын дил менен ыйлаганга Жүз бурулаар, Субхан Эгем Ай Дидары жылт нурланаар. Устаты жок Жолго кирбе, көзүң агаар, Жолго кирген журтту жерип узаар, достор.
Сыр шарабын ичкен Ашык өзүн билбес,
Бу дүйнөнүн ызаат-сыйын көзүнө илбес,
Жүз, миң Даана келсе дагы кеңеш сүрбөс,
«О шоок, шоок!» деп шоодур-жоодур жүрөр, достор
(43-хикмет)
Эми ага эки дүйнөнүн тең сыры анык! Акыйкатка жеткен сопунун жаны тозоктон да, бейиштен да, бийик. АКТЫН өзүндө. Ал-жаны азат.
… Кыркалары кир чапан, көңүлүндө жүз-миң аян, Билиңиз эки жахан, көзгө илбес дервишлер…
Сопу илимин түгөл тааныган жаны азат дервиш тууралуу Кулкожакмат ушуну айтат.
Өзүнө чейинки улуулардын калтырган осуятына каныгуу, керемет окуусунун даамын татуу, асем дүйнөсүнө жанашуу – билгенге ушунун өзү эле эрдик! Төтөн, ар заманда адам уулуна боло келген ар кандай пенделик, турмуштук, диний, саясий жана башка тоскоолду жарып чыгып, өзүңдүн сөзүңдү айтып, өзүңдүн окууңду түзүп, өзүң чыныгы даркандардын катарына суурулуп чыгууң бул – Пайгамбарлык. Пайгамбар – чокулардын орду адамзат турмушунда андыктан бийик, ыйык да. Ар пайгамбар ар чокудан жарык чачып тегинде тунган жашоого жол нускайт. Бүткүл түрк журтуна жыйылган сопу илиминин жарыгы «Кулкожакмат» деп аталган ушу туу чокудан таралат.
Кулкожакмат менен жанаша жана соңунан ээрчий бир канча түрк олуя, машайыктар чыкты. Сулайман Бакыргани, Улукман Парэнде, Исхак Баба, Абдулмалик, Бахауддин Накшбанди, Ажы Бекташ, Садыр, Бадр, Ахмад Сейид, Узун Асан жана башкалар. Улам соңку муун мезгил, доор талабына жараша мурдагы учукту улап, суфизмдин философиясын, шарт-жобосун мезгил талабына шай өркүндөттү. Бардык муундун талабына төп түшкөн, «Азирети «Түркүстан» деген ардак ысымга арзыган Ахмед Йассави хикметтери гана эч өзгөрбөй кылым кезди. Түркү тилдүү поэзиянын, акыл ойдун, диний-философиялык таанымдын соңку өнүгүшүнө айтаарлык салым кошту. Улуу өкүмдар Аксак Темирдин ага арнатып атайын күмбөз салдырышы асты-үстүн саймалатып экметтерин жаздырышы анын өз заманында канчалык кадыры жогору болгонун астейдил каңкуулап турат.
Бабабыз Кулкожакматтын экметтери жана жалпы эле суфизм окуусу кыргыз элине да кыйла таралган. Анткени башатында адам руху тууралуу өзгөчөлүү тааным-түшүнүк жаткан суфизм менен этно-маданий теги бир Алтай жана Алай түрк көчмөндөрүнүн байыркы илими, аалам таануусу тээ тегинде орток бир кыртыштан кесилишээрин айттык бая. Канча доор заманды карытып, бөтөн журтту кыдырып, жаңы боёкторго канып, исламдын чалмасын чалынып, канча өзгөрүп кайрылганына карабай аны менен көчмөн дух тил табышууга жердиги жөн дөмдүү эле…
Менин колумда сыртында: «Кыргыз шыгырлары», 1919-жыл деген жазуусу бар, саргарып болгон дептер турат. Сыйкы, татар молдосу жазган. Бирок ички мазмуну түгөлү менен кыргыз дүйнөсүнөн сызылып чыкканы анык. Бул кезинде бир аймакка таанылган чоң молдо, Асанчы атыккан чоң атамдан калган мурас. Ал киши кайтыш болгондо бир сандык толгон китеби калды. Окулбай турса мусапыр болот деп айылдагы молдолор бөлүп кетишкен. Чоң апам ошондо «уулдарынан окуган бирөө-жарым чыгаар» деген илгери үмүттө кыпкызыл тыштуу жалгыз куран китебин, анан ушул көөнөргөн дептерди катып калыптыр. «Ушул дептерди колуна алганда атаңар баарын унутуп салып, жүзүнөн салаалап аккан жашы сакалын жууп туруучу, ал үчүн муну бөтөн колго карматкым келбеди» деп бир айтканын билем. Ошол дептерден бир үзүм:
…Сүйлөп жүрдүк ыр кылып, Дүнүйө деген калбааны. Ар жерине кошомун, Заты улук Алланы. Окшошу жок ол кудай, Ойдо жокту бар кылды.
Куру койбойт дечү эле, Кудайым деген бандэни. Жар кыласың, мени деп, Өзү кылды амырды.
Айтканынча боло албай,
Анын жаадын кыла албай, Жанга кылдык жабырды.
Тобокел кылбай өзүнө, Кирбей айткан сөзүнө, Кыдырдык сөөк тамырды.
Шум напсинин ниети,
Малдын семиз этинде,
Жүгүрүк экен куу напси,
Көңүлдүн бир четинде,
Жегенге оңой ойлодук,
Жесир менен жетимди.
Напси тилин алган соң,
Шариаттан калган соң, Ак кашына барган соң,
Нур калаар бекен бетимде…
Бул тарикатка бет бурган пенденин дүйнө-арамдан кол үзө албай, ит напсини тыя албай, дитин түгөл АК жолуна сала албай чайналгандагы бир абалы. Сопу илими менен тааныш эмес адамдар мындай тексттен кай бир ойдун тереңдигин кармана албай баамдан сырт калтырып коюшу мүмкүн. Мисалы бир окулганда сөз тизмегинде билинбей өтүп кетээр «напси» деген түшүнүктү алалы. Бул суфизмде өзүнчө бир категория. АК сапарына бет алган дервиш жанды тушаган караңгылык – напсиден арылыш үчүн жети тепкичтен өтүшү лаазым. Алар көр оокаттан баш тартуу (шакават), ашыктыкка дил буруу (махаббат) ышкы отуна бой уруу (ышкы), жан жалгоого умтулуу (вусла), кошулууну туюу (фана), жантеңтер (хайра-потрясение), чексиздикке сапар (бака). Андан нары:
Неге шүгүр кылбайбыз, Бизге берди тирикти. Тирүү болгон адамга, Эче нерсе керекти?! Кыштын күнү болгондо, Кыштоо керек элетке. Кыш камынан көңүлүн, Тынчлоо керек элетке.
Аркан, балта, ат керек, Карагай отун жакмакка. Катын менен баланы, Калтыратпай бакмакка. Кудайберген эс менен, Жүрөр жолун тапмакка.
Аюу деген айбанат, Суукта кирет жапкакка.
Өзү адаммын десе да,
Кыштап, жайлап не керек,
Оокатын билбес акмакка. Жайдын күнү болгондо, Жайлоо керек элетке. Жайлуу жерге малдарын, Айдоо керек элетке. Эл ылдыйга түшөөрдө, Күздөө керек элетке. Оокатынын өтөөрүн, Эстөө керек элетке…
А бул кечилдикке баш койбостон туруп, жупуну ак жашап, барга канагат кылып, жокко сабыр күтүп, «дилиңди кудайга арнап, колуңду ишке арнап» жүрүп да АК жолуна өтүүгө болот, НУРГА жетүүгө болот деп үгүт айткан накшбандия агымын түзгөн Букарлык чоң сопу Бахауддин Накшбандинин окуусунун элдин жан дүйнөсүндө эзелтен жашап келген эдил, тазалык тууралуу көз караш менен эптүү кыйышкан жаңырыгы.
Ушул кол башындай дептерге үңүлүп жатып мен анын сопулардын окуусуна канчалык канык экенин көрдүм, айныгыс бир акыйкатты туйдум. Көрсө эч бир эл өз мезгилинин орошон идеяларынан эч качан четте калбайт экен. Айталык суфизмдин олуттуу философиясы өз деңгээлинде жалпы караламан журтка анча жетпесе жетпеген чыгаар, бирок эл ичиндеги окумал зирек адамдар анын маңызын кадимкидей жете тааныган. Ырасында элдин руханий дөөлөтү, деңгээли да анын алдыңкы өкүлдөрүнүн ой чабыты менен өлчөнгөн эмеспи. Ошолор аркылуу ар кандай бийик идея калайыкка кеңинен таралган. Буга элдин оозеки чыгармачылыгы айкын күбө:
Малым, малым оо дейсиңер, Малың тоонун оо чымчыгы. Үйүм, үйүм оо дейсиңер, Үйүң токой оо чырпыгы. Не; Сен кызыл гүл жайнаган, Мен булбул бакта сайраган.
Мен – парвана, сен – панар,
Жарыгың ий көрсөм жайланам, –
деген өңдүү ырларда келээр-кетээр дүнүйө кербези, же Парвана – Панар, Ышкы – Ашык ырдалып, суфизм мөөрү кашкая басылган. Оозеки сөзгө не бир «дүр, даана» саптары билинбей көчүп накылга айланган. Ушинтип суфизм идеялары көрүнүп-көрүнбөй, билинип-билинбей тетиги эле өзөгүнүн өзүндө жаткан, терең тамыр жайып турган, жай турмуштук, адеп-ахлактык, ашык-арзуу, диний философиялык, мистикалык, космологиялык мүнөздөгү ырлар кыргыз фольклорунда мол. Коом, заман утур өзгөрүп, журт башына түн түшкөндө, калайыктын кылымдап түзгөн нарк дөөлөтүнө коркунуч тууганда ар качандан бир качан жарала келген «Замана» наам ырлар да Кулкожакматтын хикметтери менен Сопу Бакыргандын «Акыр заман» баянында кайра бир терең иштелип чыгып соңку замана акындарына омоктуу таяныч болгон. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч акындар эл көрөңгөсү менен бирге дал ошол булактан да даам сызган. Биз качандыр тап катары кырып жоюп, ташбараңга алып жазбай койгон, такыр калып кеткен, эптеп эрме-терме жыйналгандары да Аналхактын кол бутундай кескиленип жок кылынган мултук мунжу ырлар канча дейсиз. Кечээги аты дайын, дин ажытын айрып билген Жеңижок (Калыктын айтуусунда), Нурмолдо өңдүү дагы да башка динчил делген жаркын акындардын не бир ырлары таңууланган таш жардыктын алдында жарыкчылыкка зар болуп оор басылып жатышат ко али күн. Эми ошонун баарына өзүнүн мыйзамдуу ордун кайтарып берээр кез келди. Ансыз элибиздин рухий тарых-таржымалы толук болбой бир жеринен өксүп мүчүп турары чын.
Бардык замандарда боло келген, бу күндөгү Аналхактын баш кесерлерине балким жогорку ойлор жакпас чыгаар. Алар: «Жок! Суфизм деген бул дин. Дин – апийим. А дин кыргыз элге анча сиңген эмес! Кыргыздын руханий дүйнөсүнө суфизмдин эч бир жанашы жок», – дешээр. Айла канча, ар кимдин өз чындыгы өзүндө. Тек, эл тарыхын, Рух тарыхын замандын бийигинен кең карабай баягыдай эле тар алкакта түшүнүп жүргөндөрдүн эсине мына бул акыйкатты сала кеткибиз бар.
Биринчиден, адамзаттын тарыхында эч бир артыкбаш, керексиз, анын соңку баскан жолунда роль ойнобой калып кете берээр бир да бир окуу, бир да бир идея болбойт. Ар бир данектүү окуу ар заманда ар түлөп, сааты-күнү жеткенде өзөгүн бир жаңыртып ачып турмагы бар. Суфизм да ведизм, буддизм, даосизм өңдүү АДАМ руханий издениш жолунда таап алган дүйнөлүк кебелбес залкар окуу катары эч качан тарыхтын бир бучкагында калып кетпейт. Адам рухунун алдагы изденүүлөрүнө омоктуу таяныч болуп кала берет.
Анткени суфизм деген бул, – канчалык парадоксалдуу угулса да ал караңгы түрмө же апийим эмес, – ал адам рухунун көккө эргиген зор чабыты. Улуу немис Иммануил Кант зарлаган эки учтун: «төбөдөгү Көк Аалам менен Көөдөндөгү Жан Ааламдын» табылган байланышы!
Суфизм бул – адам рухунун түпсүз МЕЗГИЛ мерчеминен, МЕЙКИН мунарынан жеңип алган желеги, сууруп алган азаттыгы!
Суфизм деген бул – ислам эле эмес, исламдын ичиндеги улуу бунтарлык! Теги Теңирчиликке кеткен…
Элибиздин рухий маданиятынын теги тээ ислам идеологиясынан канча ары жаткан, эң байыркы замандан калган Кытай, Түпүт, Ынды, Шумер, Мисир өңдүү жалпы Чыгышка тең уңгулуу маданиятка улашып жаткан тамырларынын бири да ушул суфизм аркылуу жалганып өтөт.
Экинчиден, бу күндө түбүндө рухий-маданий таянычы тайкы кай бир көң калктар көңкү калктардын каадимден калыптанган рух байлыгына жанталашып кол созууда. Кызуу үйрөнүп боюна сиңирүүдө. Жан азык издешүүдө. Кечээги Күн Чыгышка жылган оторчул кыймал алиде токтобой бүгүн эң бир татаал-митайым, кансыз-ырайымсыз түр күттү. Рухий оторчулукка айланды. Эмики кресттүү жортуул бүтүн бир элди маңкуртка айлантуу эсебинен да ишке ашырылгандан кайра тартпай турган болду. Буга Чоң Британиянын Азиядагы кечээги кадамы айкын мисал. А бүгүн Батыш же семит руху эле эмес Океан ар жагынан бери ибилистей ийрилип жүрөк толтого сугулуп турганы күбө. Алым акындын бир сабын саал өзгөртүп айтканда:
Чак түшкү бу чабуулду, Көрбөгөн көзүң көрбү!
Көрсө руху күчтүү калайык гана акыр-түбү айланып келип бул ааламда азбас-тозбос улуу күчкө эгедер экен. «Оболу Сөз болду» деген даанышман кептин мааниси ушул жакта жатыптыр. Түптүү калк Түпүт али да кыл асканын учуна конгон кечилканаларында жан сырын жабык сактап чалгырт көздөн катып жаткандыгынын себеби бар экен көрсө.
Ал тургай анын эми ушул саам да «адашкан уулдай» бул муунга көөнөрбөс хикметтери аркылуу: «Көрбү көзүң, заманаңды дарт жалмады!» деп аруулукка, акыйкатка үндөп кайрылып келип жатышынын өзүндө да кандайдыр бир аяр Символ, Сырдан ишаарат катылып калгансыйт…
Мына ушунун баарынын жанында алганда уламадануланып келген өзүбүзгө тиешеси бар улуу окууну бирар жылдарда жерип салып, «кыргызга кожо молдо идеясы жат болгон» деп дырдыңдаган корстон коңкобайчылыгыбыз канчалык пас, ызалуу, арсыз жана армандуу…
* * *
Эми бабабыз Кулкожакматтын сиздерге тартууланып жаткан хикметтери жайында эки ооз сөз. Хикметтер 1896жылы Казандан төртүнчү ирет басылып чыккан «Диван хикмэт» китебинен алынды. Анын хикметтери кезинде суфизм идеясынын түркү калкына кең жайылышында гана орчун роль ойнобостон түркү тилдүү поэзиянын кийинки өнүгүшүнө да айтаарлык таасир эткен. Хикметтерди колго алган адам окуурдан оболу бир нерсени ойго алганы оң. Хикметтерин жазганда бабабыздын нээтинде биздин бүгүнкү түшүнүгүбүздөгү «ыр жазып жатам, же поэзия жаратып жатам, көркөмдөйм» деген түшүнүктүн болбогону айтпасак да айдан ак. Кара калкка болобу, же муруттарына болобу, өзү кадиксиз ишенген идеянын духун толук жеткирүү ал үчүн көздөй максат болгон. Андыктан анын хикметтеринде идея биринчи катарга чыгат да ошол ой-идеяны таза жеткирүү ниети эч бир «шумдуктанууга» жол калтырбайт. Хикмет ал үчүн каражат эмес максат. Ошентсе да, көрктү көңүл борборунда кармабаса да, анын хикметтери таңгаларлыктай өтө асем, угумдуу, музыкалуу да. Бул касиет да суфизм идеясынан эрктен тыш табигый сызылып чыгат. Анткени ал АК жолуна дит бурган адамга багытталган. Ал аны басса-турса дилинде кармайт. Жарандарга жарыя айтат. Сүкүт салганда же зикир чалганда, ак урганда кайра-кайра кайталайт. Көк Теңир менен бир гармонияга умтулуу пенденин жан дүйнөсүн бир ыргакка сала баштайт. Эми бу саам хикмет максат эле эмес жанды экстазга жетелеген көркөм каражатка айланат. Бул абалды көзгө даана тартыш үчүн Мухаммадга Куран түшкөн, Асман-Жер арасында жаадай керилип жаңшап калган абалын эстөө жетишет. «Асман-Жердин базарын кызыткан да Мухаммад» деп Йассави өзү айтмакчы, ал өзү да ушул жаңырыкты эске салат. Анын хикметтери көөмөйдөн ээ-жаа бербей агылып-куюлуп зикири менен ыры бир төрөлөт, зикири да ыр, ыры да зикир болуп дил керемет ыргакталат. Хикметтин мерчем-мерчем саптарын устат бир өзөктөн муңканып-муңканып созо келет да анан аны Ак жаадына чың толгонгон канча бир шакирт бир доош, бир ритм, бир демде аска жаңыргандай дүрр коштоп кетет:
«Заты улук ай кожом,
Сыйынып келдим мен сага!»
«Арстан бабам сөздөрүн Эшитиңиз, таберик!»
– деп күүлдөп жер силкине берет. Зикирдин Акка алып чыгаар кубаты ана ушунда аңдалат. Ана ушунда барып хикмет духу думана, дервишти транска алат да ал жети катар асманга алып чыгаар Алланын жетимиш түрлүү ысым – айтылышын тынымсыз талып-талып кайталап атып тырпырап өзүнөн өчөт, Акка көчөт. Бул анын дени калып жаны калкып кеткен кайран абалы. Ак даарыган маалы… Кулкожакмат хикметтери жеке-жеке алганда да, же бүтүндөй диван турпатында да мына ушундайча куюлушкан, Акка сапар алган оошкон жиксиз чулу сом дүйнө. Анын угумдуулугу артыкча түп нускада окулганда артылат. Эмесе аны өз кереметинде туюш үчүн түп нускадан бир келки келтирели.
45-хикмет
Изим йады, улуг йадыдур айтур болсам, Асалйыңлыг сачук болур тилим менин. Өзүм факыр, кылдым макүр, болдум хакыр, Канат кагар учаар кушдик көңүлүм мениң.
Түрлүк ашым, түрлүк ишим, мунлуг башым, Йерди жаным, кетти хушым, акты йашым. Йазуг билан толду түгөл ичи-тышым, Би ниязым ача берсүн йолым мениң.
Көзүм түштү, көңүлүм учту, арышка ашты, Өмүрүм кечти, нафсым качты, бахрым ташты. Кэрвэн көчтү, манзал ашты, харыб түштү, Сыр улашты нитак болган халым мениң.
Сүрөт мунда, сират анда кудиретинде,
Узун түндө, йарук күндө көңлүм Анда.
Йүрөр түнда болуп бандэ, бары канда. Сүрсө анда йазуг турур тилим мениң.
Ичтим шараб, болдум хараб, аслим тараб, Келдим куурап, көңлүм сураб Ашыкка караб. Хакдан хатаб келсе көрмас куллар азап, Булакйыңлык акар көздөн йашым мениң.
Түштүм азар, бурак тозар, кетсе базар, Дүнүйө – базар, ичра кирип куллар азар. Башым безар, йашым сезар, каным тозар, Атым Ахмад Түркүстандур элим мениң.
Мына бул бүгүнкү кириллицада катка алынганда кыйла куну качса да касиети муңбаган, музыкалык ыргагы жан термеген хикметке кол тийгизиш кыйын. Тийгиздиң, бүттү, же боёгу сыйрылып түшөт, же алтыны ташка айланат. Эпада ошого тете жаңыртып салган күнүндө да ал Кулкожакмат болуудан калат, сенин мөөрүң басылат. Ал эми өзүңдүн эле эне тилиңде (айрым фарсы сөздөрүн эсепке албаганда) сайрап турган ырга сырттан кийлигишүүң (айрыкча ал ата-бабаң касиет тутуп келген текст болсо) кечиримсиз сезилет. Шекспир, Гете, Пушкинди каалагандай калчап которгон ашкан талант да өзүнүн көөнө тилине келгенде тексттин ушундайча каршылыгына тушукпай койбойт. Анан да өзүнүн архаикалык формасында уйкаш угумда айтылган кыйла сөздөр, түшү нүктөрдүн (м: болмаслар, турмаслар, келмаслар, же баргыл, тургул, келгил) азыркы уйкаш угуму өзгөргөнү менен мааниси ошол эле бойдон калган. Андыктан мындан сегиз жүз жыл мурунку эне тилибиздеги эстеликтин табигый атмосферасын берүүнү көбүрөөк зарыл деп тапкандыктан тексттин лексикалык турпатын жымылдаган уйкашка же дагы башка бир жаңы угумга «курман чала берүүнү» да эп көрбөдүк. Экинчиден: хикметтер өйдөтө айтылгандай жөн эле окуш үчүн жазылган көркөм текст эмес, ал ак уруп да айтылаар, же зикир ритмине айкаш чыгаар өзгөчө текст, б.а. канон касиетине ээ. Анын өзгөчөлүгү дагы мында: анда суфизм философиясынын эч нерсе менен алмаштырып берүүгө болбой турган, дал өзүн гана айтууну талап эткен өзөктүү түшүнүктөрү, терминдери арбын. Анын баарын маанилеш сөздөр менен которуп отуруу акыр аягы барып суфизмдин татаал таанымын опсуз кедейлентүүгө да жол ачаар эле. Түп тексттеги түшүнүктөргө байлануунун дагы бир аргасыздыгы ушунда. Ушул жагдайларды эске ала отуруп текстке түгөл бойдон азыркы адабий тилдин же бүгүнкү түшүнүктөгү көркөм котормонун талабынан чыгып мамиле эте бербедик. Тарыхый духун сактоого ниеттендик. Сөз жок, мунун баары тең «адабий тилдин нормасы» түшүнүгүнө тыкыр сугарылган, же таза жана элпек текстке көнгөн кай бир окурман үчүн кээде алымсыз да көрүнөөр. Бирок окурман катардагы адабий эстелик менен эмес тарыхый-философиялык, руханий-ритуалдык маанилери айкаш өзгөчө бир эстетикалык феномен менен иши чыкканын эске алса анда таржымалынын да астейдил ниетин ак түшүнгөн болор эле. Ушул эле учурда түп текстти да дайыма эле түгөл өзүндөй ээрчий бербегенибизди да айтуу парз. Бүгүнкү угумга же эстетикалык татымга ылайык маанисин сактай отуруп кол тийгиздик. Көркөм котормонун мунсуз болбошу да белгилүү. Ушул айтылгандардан улам келип мобундай бир ой козголот. Албетте, жалпы окурман журтуна жетсин үчүн абалы аны азыркы адабий тилге ылайык зарыл таржымалын жасап калайыкка тартуулоо кажет. Бирок, түпкүлүгү түп текстти дал өз турумунда, араб арибинде жана азыркы ариптеги транскрипциясында жанаша берип, зарыл түшүнүктөр менен жабдып, жарыкка чыгаруу керек. Ошондо сергек окурман менен түп тексттин ортосунда арачысыз түз алака түзүлөт, кечээгисине кеткен жолду алаканына салып көрүүгө мүмкүндүк алат. Ооба, кечээгиге кеткен… Бул өткөнгө кайрылуу үчүн эле кайрылган жалаң максат (самоцель) болбойт. Ошол жалпы атмосферада, орток ордодо гана түптүү түрк эли жалпылыгын айкын баамдайт. Бир кездеги кеңейүү, өсүү процессинде жан жакка жайылып, алыстап кеткен көңкү калк калып кеткен маданий үлгүлөрүнөн дагы да алыстай бербей арасын кыскартканы абзел. Бүгүнкү күндүн бийиктигинен туруп, ага аң-сезимдүү түрдө кайрылуусу кажет. Түрк элдеринин рухий консолидациясы жылаңач ураан менен эмес конкреттүү орток маданий мурастар аркылуу гана өтөт жана бекемделет. Демек түп мурастарга өз турумунда жол ачуу качан да болсо карыбас маселе бойдон кала берет. Ал, азырынча анча-мынча калем тийгизип, азыркы адабий тилге салынган атабыздын айрым хикметтерин жалпы окурман журтуна тааныштыруу иретинде тартуулай туралы.
1989-ж.
КОЖО АХМЕД ЙАССАВИ
ДИВАН ХИКМЕТ
(төртүнчү мертебе)
Бу китеп басмасына рухсат берилди, Санкт-Петербургда 7-мартта 1896-жылда. Бу китеп Казан университетинин тибканасында басма болумушдур, 1896-жылда.
Бисмиллахи ирахмаани ррахим.
Бар мактал жана даңаза баарынан бийик жана ыйык Алла Тааланын өзүнө, анын дубай саламы жана элчиси Мухаммад пайгамбарыма, анын урук-журугуна, сабааларына жана жамы шериктештерине багышталсын!
Эмки кептин жөнү бул; бул рисала китепти айтуучу кутубдардын кутубу, машайыктардын үлкөнү, олуялардын султаны, такыбалардын бурканы, хандардын перзенти, пайгамбарлардын баанасы азирети султан Кожо Ахмед Йассави мындай деп баян курат:
Бизден кийин акыр заман жакын болгондо бир машайыктар пайда болоор, каргышка калган иблис алардан сабак алаар, барча калк буларга жаншерик болоор, шайыктар муруттарын башкара албас, дагы алардын көзүн караар, сукулдап тураар. Каапырлык менен залалдыкка бет буруп кайрыдин калкка ыктаар, сүннөт журтту сүйбөс. Шариат илими менен амал кылбай жатка колтук ачаар. Жаман ишти кесип кылып уялбай Алла Тааланын ракматынан үмүт кылаар. Машайык ишин кар кылаар, муруттарын жат кылаар, өзүлөрү дин безери болоор, ошентип карлык, зарлык башына жетип муруттарынын улагасында жүрөөр. Ошол алда муруттарынан тилемчилик кылаар, агер муруттары кайыр-садага бербей койсо жаңжал салып урушаар: «Мен безери, кудай безери» деп безилдеп айкайлар. Ким кайыр, садага алса, аны мискин карып бечараларга үлөштүрсө чын шайык ошолдур. Агер алып өзү жесе ал ит жеминдей арам болоор. Агер тон кылып кийсе ошол тон тозгончо Актаала анын намаза орозосун кабыл кылбас, агер алган ниязынан[1] нан кылып жесе Актаала аны тозокто түрлүү азапка кириптер кылаар, дагы ким эгер ошондой шайыкка ишенип, этегин кармаар болсо ал каапыр болоор, аал, шайык өзү болсо каргышка калаар, анын кесири да жаалдыкынан да артык турур, шариат да, тарикат да, акыйкат да, маарипат да аа буйурбас.
Эй таалип, агер Акты тилеп табам десең анда пирге кол бергин, ким шариатта Кудааны тааныса, тарикатта сырга канса, акыйкатта Ак тазарып бүтсө, маарипатта мухиттей чалкып ташса андай пирге кол бергин. Ошондо ишин оң болоор. Агер тарикатка даяр болсо тарикат илимиң менен Жолго салгай, Акыйкат Сырын нускап мурутуна Жол көрсөткөй, дагы маарипатта актын сүрүн пайда кылдыргай.
Шайык Зуал нун Мысыри рахматулулло олуя мындай деп тур: – Мурут кырк жыл кызмат кылмайынча шайыктык, бакырлык жана дервиш орду ага дайын болбос, кырка киймек ага ыраа эмес.
Азирети султан Кожо Ахмед Йассави мындай деп айтып тур: Ким пирлик жана шайыктык дубасын кылам десе кырк жылга чейин пир кызматында жүрмөйүн шайык орду ага ыраа эмес. Мурут алмак жат турур. Кимде ким дервиштик дубасын кылса аавал Ак амирине моюн сунуп шариат жолу менен жүргөй. Жаман иш, жосунсуз жоруктардан тыш, такыбаа болгой, түнү кыям турмайынча, күндүзү бүгүлүп кызмат кылмайынча шайыктык дубасын кылса иши бекер болгону. Кимде ким шариат амиринен чыкса, динбезери болгону. Агер тобо кылбай дүнүйөдөн өтсө Ак Таала тамугда түрлүү азапка кириптер кылгай. Эй, агер өзү чын захид[2] болсо, мухабаты жанган сопу болсо, ибадаты анык болсо, бар-жоктон кечкен кедей болсо – нак дервиш ошол. Жок антпесе, ар убак дили солук, иши арам, муруттары кайрыдин, сопулугу түркөй, дервишлиги ачкөз тойгус, нээти бузук, тарикасы ооздуксуз, сүннөтү башаламан, кылыгы кыйшаң, натыйжасы кыйракан, сыры кыянат, даараты сынык болсо анда мындай сопуларда рийазатжок, бакырларда канаагат жок, бардарларда кайрым жок, ал эми дервиштерге кыямат жок.
Эй, дервиш, билгин жана жадыңа түйгүн: абалы шариат келмесин экинчи тарикат келмесин, үчүнчү маарифат келмесин, төртүнчү акикат келмесин билмек керек. Агер сопу болуп бу келмелерди билбесе чын сопу эмес.
Келме-и шариат бу турур: «Ла илаха иллаллоху, Мухаммадур-расулулло»[3].
Келме-и тарикат бу турур: «ла илаха иллалоху сафан сафа Му-хаммадур-расулулло»[4].
Келме-и маарифат бу турур: «Ла илаха иллаллоху, аззамтухуу, Мухаммадур-расулулло халакытау»[5]
Келме-и акыйкат бу турур: «Ла илаха иллаллоху би кудуретихи Мухаммадур-расулулло рисаалатихи»[6]
Эй дервиш, агер шайыкка чейинки ыраатты билип, бакырлыкты кабыл кылып, сөздөрүнө муюп, жол-жобосун таанып, ден азгырыгын тарки кылып, напсини ишеним жаасы менен жаратып өзүнө бой сундуруп, канаагатты карманып, буйругуна көнүп, балаасына сабыр кылып, бергенине шүгүр кылып, айткан рисаласына амал кылып Кудай Тааланын амирин тааныса анда дервишлик аты аган кут болоор. Жок, болбосо, буларды билбей туруп шайыктык дубасын кылса кыянат күнү жүзү кара болуп шермендеси чыгаар, кудаа анын жүзүн ары кылсын! Бой сунуу, бакырлык мартабасы эң бийиктеги чек турур жана ал ар пенденин эле колунан келе бербейт.
Кудурет эрки – Актан сизге буйрук болду, Түпсүз деңиз ичине жалгыз түштүм, достор.
Ал деңизге түшкөн изим ачты Жолду, Кудайым колдоп, сак саламат кечтим, достор.
Жашым жетти, өмүрүм жетти, Көккө учтум, Дээрим ташты, акылым шашты, Жерге түштүм. Напси айбан, шайтан менен көп уруштум, Сабыр-раазы макаматын[7] аштым, достор.
Тогузумда түгөл тоздум, түгөнбөдүм, Он жашымда оң жагыма үргүлбөдүм, Он биримде напсим мүлдө жүгөндөдүм.
Бакыр-раазы макаматын кечтим достор.
Он экимде барча арбак калам[8] кылды,
Үр кыздары тосуп чыгып салам кылды, Сыр чөйчөктө Сыр шербетин маган сунду, Аны алып адеп менен ичтим, достор.
Он үчүмдө суучул болдум, дарыя чумдум, Маарифаттын дүр көөхарын Сырдан тердим. Шамды көрдүм, парванадай өзүмдү урдум, Талып түштүм, акылым кетти, шаштым, достор.
Он төртүмдө топурак сыпат карлык тарттым, «Кү!», «Кү!»[9] айттым, күүсүндө эчен түндөр каттым. Миң алтын баа кымбатыңды Бирге[10] саттым, Ошондон соң канат бүтүп учтум, мына.
Он бешимде даркөйүнө[11] жанып келдим, Жазык менен жапаа кылдым, ката кылдым. Тобоо кылып Акка моюн сунуп келдим, Тобоо кылып жазык иштен качтым, достор.
Жебирейил аян берди Ак Расулга:
«Айат келди, зикир айткын: Бар, Бир алла!» Кызыр бабам салды мени ушбу Жолго, Ошондон соң дарыя болуп таштым, достор.
Шариаттын бустанында жолон[12] кылдым, Тарикаттын гүлзарында сайран кылдым. Акыйкаттан канат бүтүп Түп шуңгудум, Марифаттын маани эшигин ачтым, достор.
Аласту[13] шарабын пир колдоорум суна берди.
Иче бердим каалашымча, куя берди.
Кулкожакмат ичим, тышым күйө берди, Талиптерге дүр да көөхар чачтым, достор.
Алкысса, бу макам пайгамбарлар, арыптар жана ашыктардын макамы турур. Анык айтсак, азирети Расулу Карим саллаллаху алей-хис-саламдын макамы бу турур, «ал факру фэхри» деди. Азиретибиз саллаллаху алейхиссалам айтты: «Хуб бул фукараа-и мин ал ийман ва бугз ул фукара-и мин ал күфф» же: «бакырды жакшы көрмөк ыймандын иши, бакырды кар тутмак каапырдын иши» дегени. Азирети расулу карим саллаллааху алейхис-салам айтты: «хурмат үл фука-раа-ил мумин-ина агзаму индаллаахи мин саб-ис самаавати ва сабаил арзиин» деп, же «бакырлык мартабасы жана урматы жети кат асмандан жана жети кат жерден улугураак турур» дегени.
Эй, дервиш, кимде ким байларды дүнүйөсү үчүн көкөлөтсө, ал жакшы, жаманын мындай кой, ушунусу үчүн эле Кудай Тааланын наалатына кириптер болоор. Агерде бакырды акыр көрсө, кор тутса Кудай Таала чынында аны азапка салаар.
Мындай жорук момундарда болбос, макүрөө кош жүздүүлөрдө болоор.
Азирети Аалы, АллаТаалам аа жар болсун, мындай деп рабайат кылат:
– Дервишлик макамы кырк турур. Агер билип амал кылса дервишлиги пак турур. Жо, билбесе, же үйрөнбөсө дервишлик макамы ага арам турур, өзү наадан турур.
Ал кырк макамдын ону макам шариатта турур, ону макам тарикатта турур, ону макам маарифатта турур жана ону макам акыйкатта турур.
Шариаттагы он макам бу;
А а в а л: Ыйман келтирмек; Ак Тааланын Бирлигине жана Барлыгына, сыпатына жана затына.
Э к и н ч и: Намаз окумак.
Ү ч ү н ч ү : Орозо тутмак.
Т ө р т ү н ч ү: Зекет бермек.
Б е ш и н ч и: Ажыга барып тооп кылмак.
А л т ы н ч ы: Жагымдуу, жумшак сүйлөмөк.
Жетинчи: Илим үйрөнмөк.
С е г и з и н ч и: Азирети расулуллоху саллаллаху алейхис-саламдын сүннөттөрүн аркаламак.
Т о г у з у н ч у: Жакшы иштерди аркалап башкаларга да амир кылмак.
О н у н ч у: Тыюу салынгандан тыйылмак.
Он макам тарикатта турур;
А а в а л: Тооба.
Э к и н ч и: Пирге кол бермек.
Ү ч ү н ч ү; Кооп жана ишеним, йагний Ак Тааланын касабынан коркуп, ракматынан үмүткөр болмок.
Т ө р т ү н ч ү: Касиеттүү айат сөзүн дамамат көңүлдө кармамак.
Б е ш и н ч и; Лаззат жана шаң-шахабатты тарки кылмак.
А л т ы н ч ы; Пирдин кызматында болмок.
Ж е т и н ч и; Пирдин уруксааты менен сүйлөмөк.
С е г и з и н ч и: Насыйкат эшитмек.
Т о г у з у н ч у: Тажрид[14] болмок. О н у н ч у; Тафрид[15] болмок.
Он макам маарифатта турур;
А а в а л: фана[16] болмок.
Э к и н ч и: Дервиштикти кабыл кылмак.
Ү ч ү н ч ү: Ар иште чыдамдуу болмок.
Т ө р т ү н ч ү: Адал талабаларды жанына алмак.
Б е ш и н ч и: Маарифат[17] кылмак.
А л т ы н ч ы: Шариатты, тарикатты эриш-аркак тутмак.
Ж е т и н ч и: Дүнүйөнү тарки кылмак.
С е г и з и н ч и: Акыретти ыктыяр кылмак.
Т о г у з у н ч у: Вужуд[18] макамын билмек. О н у н ч у: Акыйкат Сырын билмек.
Он макам Акыйкатта турур;
А а в а л: хаки раа болмок, же Жолдун боз топурагы болмок.
Э к и н ч и: Жакшы, жаманды айрып таанымак.
Ү ч ү н ч ү: Жутунбай алкын тыймак.
Т ө р т ү н ч ү: Барга канаагат кылмак.
Б е ш и н ч и: Шыбагасын тең бөлүшмөк.
А л т ы н ч ы: Бирөөнү зарлатпоо.
Ж е т и н ч и: Бакырлыкта мүңкүрөбөө.
С е г и з и н ч и: Сыр Жолуна түшмөк.
Т о г у з у н ч у: Ким көрүнгөнгө жарыя кылбай Сырды сактай билмек.
О н у н ч у: Шарийат, тарийкат, акыйкат макамын билмек жана амал кылмак.
Шайык Хасан Басри рахматулулло олуя мындай бир рабайат айтат:
- Азирети Расулу саллаллаху алейхис-салам азирети Аалыга, кудайым аа жар болсун, айтты дейт:
- Мээраж түнү Ак Тааланын буйругу менен азирети
Жебирейил алейхис-салам бурак келтирди. Жети кат асмандан ашырды. Теңир улуу кудурети менен бир ажайыпты көрсөттү. Азирети-Аалам Ээси салам кылды. Кудаа сүйгөн пайгамбар алик алды.
Осуятчынын үнү менен кайыптан доош жетти: «Иа Алланын элчиси, асманга назар кыл». Азирети расул акрам саллал-лааху алейхис-салам назар кылды. Ошондо бир ажайып сүрөттөрдү көрдү, эстен танды, анан эсине келгенде айтты: «Йа раббим, бу сүрөттүн жайы кандай? Көрөрүм менен акыл куштан ажырадым?» – деди. Анда Теңирден кудурет доош жетти:
«Ал сүрөт бакырлык сүрөтү турур. Дидар тилесең рийазат[19] тарткын, ошондо менин жамалыма арзыйсың. Кимде-ким бошко дидар тилесе Ак нуру аган жат турур».
Бакырлык сүрөтү Көктө эле, Көктөн Жерге келди. Сакабалар бакырлык сүрөтүн көрдү, бүт машайыктар ошол сүрөттүн баянын түгөтө албай айтып турушту. Азирети Аалы, кудайым аа жар болсун, айтты:
- Азирети Мухаммад мустапа саллаллаху алейхи-салам ал түнү мээраждан кайтып келди. Мубарек жүзүнөн нур көрдүм. Он сегиз миң аалам ошол нурдан мага айан болду. Анда айттым:
- Йа расулулло, бүгүн жүзүңүздөн күндөгүдөн бир башкача нур көрдүм, – дедим.
Азирети расулу саллаллааху алейхис-салам айтты:
- Ушул түнү мээражда Аалам ээсинин айаны менен бакырлык сүрөтүн көрдүм. Ышкы шарабынан бир тамчы ичтим, – деди.
Азирети Аалы разий-аллаху анху айтты: – Мен да ушул алда болуп арзуу кылгым бар, – дедим.
Азирети Расулу саллаллааху алейхис-салам ышкы шарабынан мага да бир тамчы берди. Ичтим. Деним көөшүлдү, магдырап кеттим, кайра эсиме келдим. Азиретимдин көзүнө эмне көрүнгөн болсо ошонун баары мага да түгөл көрүндү.
Азирети Расулу акрам саллал-лааху алейхис-салам айтты:
- Йа Аалым, бакырлык макамында он макам бар, он нур бар, он жол бар, он орун бар, кырк мертебе бар.
Он макам бу:
А а в а л: канаагат турур. Муну Азирети Расулу саллаллааху алейхис-салам мындай чечти: «Ал канаа-ату кэн ззун лаа йафнаа», йагни «канаагат түгөнбөй турган бир кенчтир» же мал дүнүйөң опосуз, өлсөң баары сыртта калаар.
Э к и н ч и: Бакырларга кайрым кылмактыр.
Ү ч ү н ч ү: Бакыр – кириптерлик турур.
Т ө р т ү н ч ү: Бакыр – азап турур, же Айуб пайгамбардай болмок турур.
Б е ш и н ч и: Бакыр – кайрат турур.
А л т ы н ч ы: Бакыр – рийазат турур.
Ж е т и н ч и: Бакыр – ачлык турур.
С е г и з и н ч и: Алакет – денесин сенек өлтүрүү турур. Т о г у з у н ч у: Дил чаалыгуудур.
О н у н ч у: Бакырдын азирети Эгем тарабынан азаттанышы.
Бакырлыкта он нур бар:
А а в а л: Нур садык (тууралык).
Э к и н ч и: Нур сабыр. Азирети Расулу саллаллааху алейхис-салам айтты: «ас сабыру кэнззун мин күнүүзил жаннаа», йагни «сабыр бейиштин бир кенчи турур» демеги.
Ү ч ү н ч ү: Нур шүгүр турур.
Т ө р т ү н ч ү: Нур пикир турур.
Б е ш и н ч и: Нур зикир турур.
А л т ы н ч ы: Нур намаз турур.
Ж е т и н ч и: Нур орозо турур.
С е г и з и н ч и: Нур ыйман турур.
Тогузунчу: Нур садака турур. Онунчу: Нур пак жан турур.
Бакырлыкта он жол бар:
А а в а л: Тообо турур.
Э к и н ч и: Жазык иштен кайтмак турур.
Ү ч ү н ч ү: Жаман иштерине бушаймандык турур.
Т ө р т ү н ч ү: Кайрат турур.
Б е ш и н ч и: Карлык жана Зарлык макамында болуу турур.
А л т ы н ч ы: Ак Тааладан жар тилемек турур.
Ж е т и н ч и: Жаман жолдордон жанмак турур.
С е г и з и н ч и: Кудай Тааланын зикири менен болмок турур.
Т о г у з у н ч у: Тафкир[20] турур. О н у н ч у: Фана болмок турур.
Бакырлыкта он орун бар. Алар:
А а в а л: Хикмет турур. Э к и н ч и: Адил турур.
Ү ч ү н ч ү: Акыл турур.
Т ө р т ү н ч ү: Чыдам турур. Б е ш и н ч и: Абийир турур.
А л т ы н ч ы: Намыс турур.
Ж е т и н ч и: Аксанатайлык турур.
С е г и з и н ч и: Сатарлык турур (Бирөөнү жамандабоо, ушактабоо – Ч.Ө.).
Т о г у з у н ч у: Аманат турур (жан кудаанын аманатын билүү. – Ч.Ө.).
О н у н ч у: Таслим турур. (Өзүн толук Ак ыктыярына берүү. – Ч.Ө.).
- Дервиш болуу үчүн бул кырк шартты билмек керек.
Ошондой кишини гана сопу дейт.
Султан Ахмад Кубра айтты:
- Жетимиш жыл өмүр кечирдим. Кырк жылын мусапырлыкта өткөрдүм. Жети жылы ажыга бардым. Куранды миң мертебе бүт окуп чыктым. Жетимиш мертебе Азирети Расулу саллаллааху алейхис-саламды түшүмдө көр дүм, мубарек жүзүнө бактым. Бул кырк макамды мага айтты, мен ага амал кыла албадым, азиретинин деңгээлине жете албадым.
Шайык Шахаб ад дин рахматулулло дагы минтип айтты:
- Бул кырк макамдын ону шариатта турур, он макам тарикатта турур, он макам акыйкатта турур жана он макамы марифатта турур. Ар сопу, ар дервиш, ар бакыр бул кырк макамды билбесе жана амал кылбаса, аа болбой дубасын кылса анда сопулугу, шайыктыгы, бакырлыгы жалган. Агер сопуга бу дүйнөнүн бүт наамат-ырайымын тамам берген болсо анда ал каапырга да ишаарат кылганы эп, дагы, агер эки дүйнө чындыгын жана жаннатты тамам берген болсо бүтүн момундарга ишаарат кылганы эп. Мээнет, мүшкүлдү өзүнө калтырганы эп. Агер ар качанда бир качан дармансыз бечара болсо даркөйүнө сабыр кылганы эп. Тырмактай насип буйурса ошого тобокел кылмагы эп. Зарылынча гана кабылдамагы эп. Мына ошондо сопуда күмөн калбас.
Агер сопу дүнүйө жыргалын тилесе сопу эмес. Агер дуба окуп жана зар-зарлап балаа, мээнет тартса сопу турур, дагы, шайыктык макамы мужахэдде[21] турур. Дагы, ал дүнүйөнүн түбүн эңсээр, эки дүнүйөнүн ар жагын самаар, кар, зарлыкты каалаар. Агер сопуга балаа келсе «ойбойлоп» айгайлабас,сабыр кылаар. Дагы сопунун напсиси жыргалды арзыса напси арзуусун тыйар. Агер сопу ач болсо, жылаңач болсо ошого кушубак болгой, сабырдан өзгөгө ыктыяр кылбагай. Бек такыба жүргөй.
Бул он такат шариатта турур.
Эми он макам тарикатта турур.
Таслим турур, йагний балаа-мээнет башына келсе өзүн жан дили менен ага ыктыяр кылгай. Дагы, ичмекти, жемекти, киймекти калктан тилебесин. Кийиз айрыгын атилестен артык көрсүн. Күндүзү орозо, түнү намазда болсун, кайталап окуганы Куран болсун. Үстүрт окуп кылбасын тарк, ыр бермети акыры болсун рахат мүрөк. Агер даам сызса же кийим кийсе ниети ибадат болсун, мухабаттан өзгөнү зикир кылбасын, жана да баарын ыклас менен кылсын, Сопу ар түнү намаз таажудду тарки кылбасын, сес жана ишеним ичинде болсун. Агер сопу кош жүздүүлөнүп таатын калк көзүнө атайын даңаза үчүн түзөсө элүү жылдык тааты арзыбай калаар. Теңир эркине тетир болоор. Дагы; сопу Жолдо жүрмөгү эп, оң сүйлөмөгү эп, не дегенде көңүл тилге кабар берер. Дагы; сопу напсини күйдүрүп фана кылмагы эп, дүнүйө жайын сүйлөбөсү эп. Ак Тааланын жаады менен убактысын маңыздаганы эп. Анан да сопу пас болсо Ак Тааланы тапкай, ошондо отко бакса Акты көргөй, сууга бакса Акты көргөй, жогору бакса Акты көргөй, куюкка бакса Акты көргөй, илгери басса да Акты көргөй, ордунда олтурса да Акты көргөй, – көкүрөк көзү ачылаар. Ошондо сопу «илмал йакийн» жана «айн ал йакийн»[22] макамын тапкай. Сыр көзү менен жогору бакса аршыны[23] көргөй, куйукка бакса жети кат жерди көзөп ирим суунун түбүн көргөй, жолунда эч бир көшөгө калбас. Агер «хакк улйакин» көзү менен бакса бар жандуу макулук менен жансыз затты тепчип өтүп теңдешсиз жана сөз жеткис ааламчайыт Акты көргөй. Жана да, марифатта барча күнүн, эки ааламын тең шексиз көргөй. Жана да, сопу дүнүйө акыретте анын кеңдигине сыйбас, бейиштин бардык жыргалын көзүнө илбес. Дагы; сопу деген Кудаанын арзуу-шоогунда суудай болуп эрип агаар. Көңүлүн перзентине же малына эмес Акка ыраазылыкка берээр. Анан да сопуну көрүнөн да табышпас, кыл көпүрөдөн да табышпас жана жаннаттан да табышпас, бир гана Кудаанын курбулугунда табышаар. Агер сопу: «Ээ кудайым, барча күнөөкөрдү мага багыштагын» десе анын сөзүн Актаала эки кылбас. Жана да сопу азирети Ак Тааладан чакырык-нэда эшитпесе жанын бербес. Үңкүр-Маңкир да, кыямат да түк капарына келбес. Үр сулууларын, дүр жайларын карап да койбос, мээрими артык Акка багаар. Жана да сопу деген мындай болоор; бардык иштерде көңүлү сабык болсо, напси жана шакабаттан[24] сап болсо, батыны[25] бап болсо, жүрүшү ак болсо, жан-дүйнөсү пукта[26] болсо, көзү эки дүйнөнү аттап Сыртта болсо, Сыры нурланып жаркып турса, – ошол сопу. Муну менен ушинтип сексен макам болду. Эй дервиш ар бир макам ар пайгамбардын макамы турур. Абалкысы Адам алейхис-саламдан, акыркысы Мухаммад Мустапа саллаллааху алейхис-саламдан турур. Машайыктардын султаны азирети Кожо Ахмед Йасави рахматулулло олуя айтты:
- Жетимиш түрлүү адеп илимин билмейинче, жетимиш макам жолун түгөл кезмейинче кимде-ким шайыктык макам дубасын кылса ал шайык эмес, моло.
Шайык Сакати Сири рахматулулло олуя айтты: – Бакыр деген бир тоо сыяктуу, бардык кендин мекени турур.
Шайыктардын машайыгы каддасаллахуу таала Арваха айтты:
- Бакыр деген бир дарыя турур. Ал дарыянын баш-аягы жок, учу-кыйырын да көргөн киши жок.
Азирети Мухаммад мустапа саллаллааху алейхи ва салам Сайидут, таайифати хазрети Жунайд Багдади экөө айтат.
- Бакыр деген бир кароол дөбө турур. Сейид Ахмад Кубра айтты:
- Бакыр деген Кудаанын бир нуру турур. Агер кимдир бирөөгө ошол нурдун жарыгы түшсө анын жарыгынан соолгус ышкы табаар.
Шайык Ахмед айтты:
- Бакыр деген бир дөөлөт таажысы турур. Аны башына кийген жан эки жаханда тең түбөлүк султан болду.
Шайык Шакыки Балхи рахматулулло олуя айтты:
- Бакыр деген бир от сыңары. Кимдин көңүлүндө жанса жан-дээрин алтынга айлантаар.
Шайык Ахмад Жам айтты:
- Бакыр деген бир шарап турур. Бир тамчысын ичкен жан кызматка чейин кызымтал жүрдү.
Шайык Кутбуддин Хайдар айтты:
- Бакыр бир зор кудурет турур. Кимдин ыкыбалына тийсе эки жагында тең эңсегени төп келди.
Кожо Абдулла Хайдар айтты:
- Бакыр деген бир кудурет колдоочуң турур. Ал нускаган Жолго түшкөн түбөлүктүн султаны болду.
Шайык Мансур Халлаж айтты:
- Бакыр деген Ак Тааланын дидары турур. Көргөнкөрөт, көрбөгөн көрбөйт.
Улукман Сарахси айтты:
- Бакыр – айкөл шаа турур. Кимге ал бак консо ал киши алты катар асманга аваз буйрук кылаар. Таламканида сейил кылаар.
Жана да машайык кул мындай болоор; Бакыр Ак Тааланын бак кыябанындагы бир дарак турур. Ал дарактын бутагы – акыл, тамыры – нуска, мийвасы – кайыр сахабат, саясы – канаагат, бою – шоок турур. Анын баригин алган киши кебелгис каада-нарк күттү. Мийвасын жеген киши өлбөс өмүр тапты. Боюна кыналган жан кызуу мас, акылы айран-таң болду. Саясында орун алган кишиге Акыйкатын аптабы түштү.
Эй дервиш, билгин, Бакырдын алты адеби бар. Алар:
- Жакшы, жаман сөзгө сүкүт кылмак,
- Пир алдында үнсүз болмок,
- Пир ишааратынан соң сүйлөмөк,– Киши менен ачык болбоо.
- Бейтаанышка да кызмат кылмак.
- Напсини өлтүрүп, ден кумарын тарки кылмак.
Бакырдан пакиза нерсе болбос. Бакыр карып, ач болмогу жөн. Ач болсо даараты менен зикири көңүлүнөн кетпес. Агер ток болсо көңүлдө бузуктук пайда болор.
Бакырдын макамы сегиз турур:
А а в а л – тообо турур,
Э к и н ч и – ибадат,
Ү ч ү н ч ү – мухаббат,
Т ө р т ү н ч ү – сабыр,
Б е ш и н ч и – шүгүр,
А л т ы н ч ы – ыраазылык,
Ж е т и н ч и – захил (такыбаалык – Ч.Ө.) С е г и з и н ч и – арыптык турур.
Аабалкысы – тообо азирети Адам алейхис-саламдан калды.
Абатлык – азирети Идрис алейхис-саламдан калды.
Шүгүрчүлүк жана мухабаттык – азирети Ибраим алейхис-саламдан калды.
Сабырлык – азирети Айуб алейхис-саламдан калды.
Ыраазылык – азирети Муса алейхис-саламдан калды. Захидлик – азирети Ийса алейхис-саламдан калды.
Арыптык – азирети Мухаммад Мустапа саллаллааху алейхис-саламдан калды.
Бакырдын мартабасы жети турур:
А в а л – жоомарттык,
Э к и н ч и – сыпайылык,
Ү ч ү н ч ү – кырка киймек,
Т ө р т ү н ч ү – сабыр,
Б е ш и н ч и – канаагат, А л т ы н ч ы – шүгүр,
Ж е т и н ч и – тообокел турур.
Жоомарттык – азирети Аалыдан калды.
Сыпайылык – азирети Сулайман алейхис-саламдан калды.
Кезгинчилик – Йахйа алейхис-саламдан калды.
Сабырлык менен ыраазылык – азирети Айуб алейхиссаламдан калды.
Канаагаттык – азирети Мухаммад Мустапа саллаллааху алейхис-саламдан калды.
Ар дервиш бул дервиштиктин жети макамын билбесе же билип туруп амал кылбаса шайыктык жана мурут алмак ага арам турур.
Эй дервиш, бул Бакыр-Намэде ар осуят жазылды. Ал Жараткандын каламы, пайгамбардын хадиси, үммөттөрдүн жыйынында бүтүлдү. Ар талип бу осуятка амал кылып бек тутса эки дүнүйө ага мысыр болгой. Агер амал кылбаса соңку деминде өз жайын көрүп бушайман болгой, жана акырети шерменде болгой.
Ар дервиш бул кырк макамды билбесе жана амал кылбаса анын шайыктыгы шайтан турур.
А а в а л к ы м а к а м – малакут[27],
Э к и н ч и м а к а м – лахут[28],
Ү ч ү н ч ү м а к а м – насут[29],
Т ө р т ү н ч ү м а к а м – жабарут[30], Жабарут макам – шариат турур[31], Малакут макам – тарикат турур.
Лахут макам – маарифат турур. Насут макам – акыйкат турур.
[1] Нияз – Ак жолундагы думана, дервиш ырыскысы. Мунун мааниси кайыр, садага түшүнүгүнө дал келе бербейт. Кайыр, садага колунда жок бей-бечара, тилемчилерге берилет.
[2] Захид – дүйнө азар, аскет.
[3] Алладан башка Алла жок, Мухаммед анын элчиси.
[4] Алладан башка Алла жок, Мухаммед анын сап жолдоочу.
[5] Алладан башка Алла жок, улуктаарым бир өзүң. Мухаммаддай элчиңди жараткан да сен өзүң.
[6] Алладан башка Алла жок кудуреттүү бир өзүң. Мухаммаддай элчиңди жөнөткөн да сен өзүң.
[7] Макам, Макамат – мистикалык Жолдун тепкичтери.
[8] Калам кылды – Касиеттүү сөз айтты, тагдыр жолун көрсөттү деген мааниде.
[9] «Кү», «Кү!» – Хува – «Ал» б.а. Алланын зикир чалганда айтышаар бир аты.
[10] Бир – Алла Бар жана Бир. Сөз ушу тууралуу.
[11] Даркөй – сопулар жүргөн ыйык, таза жай, касиеттүү мазар, көрүстөн же имарат.
[12] Жолон – кезгинчи, бозгунчу.
[13] Аласту – курандын 7-сүрөөсүнүн 171-айаты. «Жараткан кудай Адам ата балдарынан, алардын уругунан тукум чыгарып өздөрүнө өздөрүн күбө кылды. Мен силердин кудайыңар эмесминби?» Алар айтты: «Ооба, биздин кудай Сен, биз күбөгө өтөбүз». Анан акыретте:
«биз көргөн, билген жокпуз дебегиле». (Э. Турсуновдун котормосу).
[14] Тажрид – Өзүнө чөгүп өзгөлөрдөн бөлүнүп чыккан абал.
[15] Тафрид, тафаррад – суф. Өзүнүн кайталангыстыгын сезген абал.
[16] Фана – сөзмө сөз «өлүм», «кайтуу». Суфизмде бардыгы жети тепкичтен турган руханий өркөндүн бешинчи тепкичин билдирет.
[17] Маарифат – мистикалык тааным.
[18] Вужуд – кудаанын бар ааламдан бийик тураары. Экстаз абалынан суурулуп чыккан дервиштин ошол ааламды кармаган касиет күчтүн ыкыбалына тартылышы.
[19] Рийазат – көр дүйнөдөн кечүү, аскетизм.
[20] Тафкир – тынымсыз ой термөө, өзүнө чөгүү.
[21] Мужахэд – жаны, дили түгөл мистикалык Жолго өткөн.
[22] Илмал Йакийн – илимде билинээр, айн ал йакийн – көздө билинээр. Чыныгы илим-билимдин көзүн тааныр деген маани.
[23] Аршы – асмандын жеткен жери, периштелер жүргөн жай.
[24] Шакабат – көп пенденин көр-жер санаасы, бечара көйгөйү.
[25] Батын – сыр көрөгөч, көкүрөк көз.
[26] Пукта – бышык, чыдамдуу.
[27] Малакут – көк периштелеринин табияты, орду, тарикат жолунда тазаланмак үчүн аларды ээрчүү, жолдоо.
[28] Лахут – Алланы өзүнө айкындоо жолу.
[29] Насут – бу дүйнө, адам табияты, орду.
[30] Жабарут – тиги дүйнө, Алланын Актыгы, Кудаанын кудурети.
[31] Китепте Жабарут макамы менен насут макамынын орду мүмкүн алмашылып калган түрү бар. Анткени насут макамы бу материалий дүйнөгө байланыштуу жана бу макамда шариат тепкичи гана түгөл өздөштүрүлөт. Ал эми Акка жанашуу, Кудуретке курбалдашуу жабарут макамында, б.а. эки дүйнөдөн бийик турган Ак ааламына жанашып Акыйкатты тааныган тепкичте өтөт.
ХИКМЕТТЕР
Бисмиллахи иррахмаани-ррахим
1-ХИКМЕТ[1]
Бисмилла, – деп баян башы хикмет айтып, Таалиптерге дүр да көөхар чачтым мына. Риясатты[2] катуу тартып кан-зар жутуп, Дептер баштап ыйык сыр ачтым мына.
Айтаарым бул: дидар тилеп Аныкты[3] ойло, Жанды жанга табыштыраар Жарыкты ойло. Көңүлү быт-чыт жетим, бакыр, карыпты ойло, Көңүлү бүтүн калайыктан качтым мына.
Кайда жүрсөң дил муңайым мейирман бол, Карып, муслим жолдо калса көңүлүң бөл. Кыяматта, ал, Ак Таалага сунганың кол, Мен менсинген калайыктан качтым мына.
Карып, бакыр, жетим жайын расул[4] билген, Ошол түнү мээраж[5] чыгып дидар көргөн.
Кайтып түшүп карып бакыр алын сүргөн. Карыптардын изин издеп түштүм мына.
Үммөт[6] болсоң карып жайын туя билгин, Айат, адис ар ким айтса уга билгин, Тагдыр, Алла не сыр кылса туна билгин, Тунуп, тунук шоок шарабын ичтим мына.
Мединага расул барып болду бозгун, Мээнет тартып бозгунлукка моюн тоскон. Жапаа тартып жаратканга боюн кошкон, Бозгун болуп боз дүйнөдөн тоздум мына.
Акылым уксаң: карыптардын көңүлүн ула, Мустападай[7] элди кезип жетим тыңла. Дүнүйө пурсат[8] көр чеңгелден боюң тавла[9], Боюм тавлап дарыя болуп таштым мына.
Ашык бабын ачаар ачкыч мага тийди, Азгын тарткын, азир[10] бол деп мойнум ийди. Нөшөр болуп көктөн шамдай окуу ийди, Шамшар алып жүрөк боорум пыштым мына.
Көңүлүм катуу, тилим ачуу, өзүм заалым, Куран окуп амал кылбай жалган аалым. Карып жаным, сарп кылаарга жоктур малым, Актан коркуп отко түшпөй быштым мына.
Алтымыш үчкө жашым жетти, өттүм капыл[11] Ак амирин бекем тутпай, дилим жакыр. Орозо, намаз каза кылдым тутпай такыр, Ыйман издеп ырдуулардан кечтим мына.
Оо дарига! Мухабаттын балын ичпей, Үйдөн безип, жайдан бозуп түгөл кечпей. Белге чыккан күнөөлөрүм мында чечпей, Шайтан басып жан берээрде шаштым мына.
Ыйманыма ал чеңгээл салды, жан зарурат, Пирим мага даяр бол деп чачты тэрийак[12]. Шайтан пейил менден качып тазардым пак[13], Мухаммед, Алла нур ыйманын ачтым мына.
Пиримдин кызматында жүгүрүп жүрдүм, Кызмат кылып көз ирмебей азир турдум. Медет[14] кылды. Азезилди кууп сүрдүм, Андан кийин канат кагып учтум мына.
Карып, бакыр, жетимдерди кылгын шадман,
Калка кылып азис жаның кылгын курман. Жарым пулуң жанда болсо кылгын мейман, Акдан эпшитип бу сөздөрдү айттым мына.
Карып бакыр, жетим алын ар ким сураар, Раазы болоор ал пендеге парвардигар. Дили агараар, нурга канаар, акка кумар, Ак мустапа сырын эшитип айттым мына.
Жети жашта Арсланбабка кылдым салам, – Хак Мустафа аманатын кылың энам[15]. Ал убакта миң бир зикирин кылдым тамам, Напсим өлүп, наамартлардан аштым мына.
Курма берип, башым сылап назар кылды, Кыяматтын сырын айтып көөнүм бурду. Олуяттын жайын айтып сабак курду, Мектеп барып кайнап бышып таштым мына.
Сүннөт[16] жайын бекем тутуп үммөт болдум, Жер астыга жалгыз кирип нурга толдум.
Акка ийилип ыкыбалына моюн сундум, Куу напсини тумчуктуруп бастым мына.
Кулкожакмат, капыл күндө өмүрүң өттү, Көзүңдөн нур, а тизеңден кубат кетти.
Зар эңгиреп, кан какшанаар убак жетти,
Амал кылбай, кербен болуп көчтүм мына.
[1] Хикмет – Кыргыздар экмэт дешкен. Парсы тилинен кирген.
Бизче насыйкат, накыл деген мааниге төп.
[2] Риясат – (ир) – көр дүйнөдөн кечүү. Аскетизм.
[3] Анык – Ак, Алла деген мааниде. Сопулардын окуусу символикага өтө бай. М., Ак, Шам, Нур, Жарык, Сыр ж. б. баары Акты туюнуу үчүн ишаара. Ага умтулган сопу Шарап, Ышкы, Мухабат жолундагы Мажнун, Ашык, Карып ж.б. катары сыпатталат.
[4] Расул – элчи, пайгамбар. Мухаммедге карата гана айтылат.
[5] Мээраж – Мухаммед пайгамбардын Дулдул минип ааламга чыккан түнү.
[6] Үммөт – жолун жолдоочу.
[7] Мустапа – кудай сүйгөн, жандан башка: Мухаммеддин сыпаты, ага карата гана колдонулат.
[8] Пурсат – табынган, туткан. Текстте дүнүйөгө азгырылган деген мааниде.
[9] Тавла – оолак карма.
[10] Азир – даяр.
[11] Капыл (ир. гафэл) – баёо.
[12] Тэрийак – дары.
[13] Пак – таза, аруу, кирсиз.
[14] Медет – Жардам, көмөк.
[15] Энам – белек, сый, тартуу.
[16] Сунна – Мухаммед пайгамбардын Куранга төп иши, сөзү. Ал хадистер аркылуу бышыкталат, толукталат. Ислам коомунун бар жашоосу суннага гана негизделиши керек деп эсептегендер сүннөттөр деп аталат. Суннизм исламдагы эки чоң тарамдын бирин түзөт.
2-ХИКМЕТ
Айа достор, кулак салгын айтканыма, Не себептен алтымыш үчтө кирдим жерге. Мээраж маалы. Ак Мүстапа рухум көрдү, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Ак мустапа Жебирейилден сурайт мындай: Ден жериген бу неткен Рух аткан таңдай,
Көзү жаштуу, көкүрөк дарттуу азган айдай? Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Жебирейил айтты: Үммөт иши Сизге анык, ак, Көккө чыгып мааликтерден алаар сабак. Наалыш айтаар, Көк чайпалаар жети кабат, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Перзентим деп ак мустапа кылды калам,[1] Андан соңу барча арбак берди салам. «Дарыя бол деп, мээримиң тол!» деп угулду аян, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Теңир доошу тебирентти, жан жаркыды, Зикир айт! деди, баданым жанды, ден балкыды. Перзентим деп Ак Мүстапа үлүш кылды, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Төрт жүз жылдан кийин чыгып үммөт болгой, Нече жылдар жүрүп калкка Жол көрсөткөй.
Он төрт миң можжахэд[2] аа кызмат кылгай, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Тогуз айда, тогуз күндө жерге түштүм, Тогуз саат тура албадым, кайра учтум.
Көк тиреген мамыларын барып кучтум, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Көк үстүндө намаз окуп, тизем бүктүм, Акка балкып ыраазы айтып жашым төктүм. Жалган ашык, жалган сопу көрдүм, сөктүм, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Жандан кечпей «кү-кү!» деген баары жалган, Бул жолбундан собол сүрбө жолдо калган. Акты тапкан – Сырга тунган. Нурга канган, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Бир жашымда арбак мага үлүш берди, Эки жашта пайгамбарлар келип көрдү.
Үч жашымда чилтен келип алым сүрдү, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Төрт жашымда мага Ак курма ыроолоду,
Мен көрсөттүм наадандарга туура Жолду, Кайда барсам Кызыр бабам жылоолоду.
Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Беш жашымда билим бакылап, таат кылдым, Дитим бурдум, орозо тутуп адат кылдым. Күнү-түнү зикир айтып, ибадат кылдым, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Алты жашта турбай качтым калайыктан, Көккө чыгып дарс үйрөндүм маликидан. Пенде жеридим, колумду үздүм алакадан, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Жети жашта Арстан бабам издеп тапты, Бир сыр көрүп парда менен бүгүп жапты? «Иа Мухаммад, көрдүм!» деди, изим өптү, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Жан алгыч келип Арстан бабам жанын алды, Үр сулуулар жер килемден кепин кылды. Жетимиш миң периштелер жыйылып келди, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Жаназасын окуп, жерден ала берди, Бир заматта учмаг ичке сала берди.
Жаны кирди, дени сыртта кала берди, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
«Иа Алла!» деди, жердин астын турак кылды, Мүңкүр, Наңкир: «Раббиң ким?» деп сурак сүрдү.
Арслан бабам ислам динден баян курду:
Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
«Акылым уксаң жарандарга кызмат кылгын, Жакшылыкка дил бурганды ызаат кылгын. Арам иштен карманганды урмат кылгын», Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Сегизимде сегиз жактан Жол ачылды, Экмет айт деп башым ылдый Нур чачылды.
Мухаммад Алла пирим болду, мэй[3] ичирди: Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
«Пириң болду Ак Мустапа, бышык билгин,
Кайда барсаң осуятын бил, таазим кылгын.
Мактал айтып Мустапага Үммөт болгун».
Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Тогузумда толгонбодум туура Жолго, «Таберик» деп алып жүрдү колдон-колго.
Кубанбадым бул сөздөргө, качтым чөлгө, Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
Он жашыңда оглан болдуң оо Кожакмат, Кожолукка моюн сунбай, кылбай таат, Кожомун деп Жолдо калсаң ал бир касырет! Ал себептен алтымыш үчтө кирдим жерге.
[1] Осуят кылды, тагдыр жазды деген мааниде.
[2] Можжахед – Курандын маанисин, шарият эрежелерин толук чечмелеген аалым.
[3] Мэй – шербет, шарап.
3-ХИКМЕТ
Таң супада чың асмандан чыңылдайт үн:
«Зикир айт!» дейт, зикир айтып жүрдүм мына. Ышкысызды адаштырдым, Жолдо калды, Ал себептен ышкы-дүкөн курдум мына.
Он биримде мээри мага толуп ташты, Алла, – дедим, шайтан менден ыраак качты. Үзүмчүлдүк өзөгү өчтү, турбай көчтү, Он экимде ушул сырды көрдүм мына.
Он үчүмдө шум напсини[1] колго алдым, Аябадым, ит кордукту башына салдым. Текеберди басып аяк астыга алдым, Он төртүмдө топурак сыпат болдум мына.
Он бешимде үр кыздары каршы келди, Кол куушуруп таазим кылды, боюн ийди. Бейиштин гүл бакчасынан орун тийди, Дидар[2] үчүн барды-жокту койдум мына.
Он алтымда барча арбак үлүш берди, «Күв, күв!» Сизге мубарек деп Атам келди. Перзентим деп мойнум кучуп көнүлүм алды, Он жетимде Түркүстанда турдум мына.
Он сегизде чилтен менен шарап ичтим, Зикирин айтып, азир туруп көксөөм ташты. Тагдыр жазды, жаннат ачтым, үрдү кучтум, Ак мустапа ай жамалын көрдүм мына.
Он тогузда жетимиш макам[3] дайын болду, Зикирин айтып ичи-тышым майин болду. Кайда барсам Кызыр жылоолоп дайын болду, Сактап жүрдү, шарап сунду, тойдум мына.
Жашым жетти жыйырмага, өттүм макам, Мухаммад Алла пир кызматын кылдым тамам. Дүйнөдөгү курт, куштар бүт кылды салам, Ал себептен Акка жуук болдум мына.
Момун эмес хикмет эшитип ыйлабастыр, Жаранлардын айткан сөзүн тыңдабастыр. Аят, хадис, Куран сөзүн аңдабастыр, Бул чындыкты алты асмандан көрдүм мына.
Рабайатты сүрдүм, Акка сүйлөштүм мен, Жүз, миң түрлүү маликтерге жүздөштүм мен. Ал себептен чарк уруп Ак издештим мен, Жаным, дилим Ага курман чалдым мына.
Кулкожакмат жашың жетти жыйырма бир,
Не кылгайсың күнөөлөрүң тоодон да агыр[4]Кыяматта азап салса, раббим кадыр, Айа достор, не деген жооп кылдым мына.
[1] Напси (нафс) – адамдагы мал сезим, же жан тушаган караңгылык. Акка сапар алган сопу андан арылыш үчүн жанды жети тепкичтен тазалап өтүшү лазым.
[2] Ак дидарын табуу, таануу, жалгануу – сопунун көздөй максаты ушул.
[3] Макам, макамат – дубана, дербиш басып өтүүгө тийиш болгон мистикалык жолдун тепкичтери.
[4] Агыр – оор.
4-ХИКМЕТ
Куш кайыптан кулагыма илхам келди, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына. Барча улама жыйылып келди, тартуу берди, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Мен жыйырма эки жашта фана[1] болдум, Дары болдум, чын дарттууга дабаа болдум. Жалган ашык, чын ашык не? күбө болдум, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Айа, достор, жашым жетип жыйырма үчкө, Жалган дуба, жалган таатым жалган түштөй. Кыямат жолун кантип өтөм кылдан ничке, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Жыйырма төрткө толдум, болдум Актан ыраак,
Акыретке барар болсом кана бурак, Өлгөнүмдө жыйылып кел, ур жүз, миң таяк, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Жаназамдын аркасынан ташбараңга ал, Аягымдан түртүп, сүйрөп көрүмө сал. Акка кулдук кылбадың деп жанчып сабаң, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Күнөөм ашты, жашым басты жыйырма беш, Субхан Эгем, зикир үйрөтүп көксөөмдү бас.
Көксөөмдөгү зил көбүргөн көкшүндү чач!
Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Мен жыйырма алты жашта соода[2] кылдым, Мансур сыпат дидар үчүн коога кылдым. Пирсиз жүрүп, өрт чалдырдым, дартка алдырдым, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Мен жыйырма жети жашта пирди таптым, Бир Сыр көрдүм, парда менен жүзүн жаптым.
Астанасын жаздандым да изин өптүм.
Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Мен жыйырма сегиз жашта Ашык болдум, Түнү уктабай мээнет тартып садык[3] болдум.
Ошондон соң дар көйүнө[4] лайык болдум, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Жыйырма тогуз жашка кирдим, алым-карап, Ышкы отуна чыдабадым жалын тарап.
Алым-карап, боорум кебаб, көзүм-чырак, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Отуз жашта отун кылып жалынга алды, Барча улама жыйылып келип жанына алды. Дүнүйө шумдан колуңду Өз деп, шайымды алды, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
Кулкожакмат дүйнө жери, ишиң бүтөөр, Көкшүндөгү көк түтүнүң көккө жетээр.
Жан берээрде Ак Мүстапа колуң тутаар, Ал себептен Акка сыйынып келдим мына.
[1] Фана – сөзмө сөз «өлүм», «кайтуу». Суфизмде бардыгы жети тепкичтен турган руханий өркөндүн бешинчи тепкичин билдирет.
[2] Сопулардын философиясында Ак менен байланышка чыгуучу мааниде колдонулат.
[3] Садык – изги, таза, аруулук.
[4] Даркөй (даргах) – сопулар жүргөн ыйык, таза жай, касиеттүү мазар, көрүстөн же имарат.
84-ХИКМЕТ
Тарикатка шариатсыз киргендердин, Шайтан келип ыйман далин алаар дешет. Ушул Жолдо пирсиз дуба кылгандары, Сарсаналуу ара Жолдо калаар дешет.
Тарикатка чын даанышман мүршүд керек, Ал мүршүдкө жан ыкласман мурут керек. Кызмат кылып пир көңүлүн тапмак керек, Мындай Ашык Актан үлүш алаар дешет.
Пир раазысы Ак раазысы болоор достор, Ак Тааланын ыракматын алаар достор.
Риясатта Сыр сөзүнөн билээр достор, Андай кулдар Акка жуук болоор дешет.
Ушбу Жолго, ай бурадар, пирсиз кирбе, Ак жаадынан бир ирмем сырт калып жүрбө. Бир кудаадан башкага түк көңүл бербе, Жазгыр Жолго шайтан азгыр салаар дешет.
Айа достор түк билбедим кең Жолумду, Саадатка байлабадым мен белимди.
Жалаң Акка баптабадым жан дилимди, Наадандыгың түбүңө акыр жетээр дешет.
Шариатты, тарикатты билем десең, Тарикаттан Акыйкатка кирем десең.
Бу дарыядан дүр көөхарын терем десең, Жандан кечкин, өңдөн өчкүн – алаар дешет.
Ашык кулдар күнбү-түнбү бир да тынбас, Бир ирмем да Ак жаадынан капыл болбос. Андай кулду субхан Эгем куру койбос, Дуба кылган дубана Жол табаар дешет.
О дарига! Өттү өмүрүм капылет менен, Сен кечиргин күнөйүмдү кеңдик менен.
Кулкожакмат сага жанды касырет менен, Жан аябай жанып кеткен, күйөөр дешет.
97-ХИКМЕТ
Куш кайыптан үн жетти, жакшы сөзүм таберик, Ашык болсоң эй талип, риясатта белиң бүк. Күнү-түнү уктабай жаш ордуна каның төк, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Арстан бабам айткан сөз: талиптерде жок ыклас, Пириң даяр болгондо не кажет кызыр Илйас. Пирге кадам койгондо «о, алат!» деп толгонбо, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Талипмин деп жанын жээр жанын саткан наинсап, Жат этегине эрмешээр, көздөрүндө жок ынсап. Киши малын алдап жээр, дилинде кир, эмес сап, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Пир кызматын кылдык деп талипмин деп жүрүшөөр, Кылган арам иштерин куржунуна тыгышаар. Көзүндө ыпым нымы жок калка ичине киришээр, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Зикирмин деп зарп ураар чыкпас бирак көз жашы, Дили көңдөй камы жок, оору дайым соо башы. Макүрөө бүт кылганы, маалым кудаага иши, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Талипмин деп айтышаар, көңүлүңдө жок учук нур, Чын талипти сүрсөңүз ичи-тышы көөхардур. Акка айан сырлары, жемиштери түркүм дүр, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Сыртын көрсөң сопудай, кыяматтан коркушпайт,
Ыплас булганч кылганы, күнөөсүнөн үркүшпөйт. Теспе термеп күңгүрөп ыйлап жашын сүртүшпөйт, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз таберик.
Антип теспе алганча зынаа жакшы билсеңиз, Актын нээти бу турур: ышкы соода кылсаңыз. Ышкыны алып макшаарда раазы[1] болуп турсаңыз, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Ышкыга бет бургандар Ак дидарын көрүшөөр, Муса өңдүү макшаарда Актан собол сүрүшөөр. Кызуу болуп вуслада «кү!» «кү!» – дешип жүрүшөөр, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
«Иншалла!» деп айтканды Актан тилеп алармын, Шайтан жолунан алып Ак Жолуна салармын.
Медет кылса мустапа күнөөлөрүн жыярмын, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Арстан бабды сурасаң, пайгамбарга барабар, Саабалардын улугу пенделердин тунугу ал,
Алдында – сыз, үстүндө – бир алачык жыртык, тар. Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Шаршемби күн эшитип капыс хазрет барды дейт, Арстан баба үйүндө аны мейман алды дейт. Жаткан жери жалаң сыз, көрүп айран калды дейт, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Ал Мухаммед мустапа туруп дуба кылды дейт, Маликтери «оомийн!» деп алакан жайып турду дейт. Шундай үммөт бердиң деп Акка шүгүр кылды дейт, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Сакабалар айтты дейт: Арстан бабдыр атыңыз, Арабдардын улугу пакизадыр затыңыз. Ден тарбия парз деди, парча салып жатыңыз, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Акыр заман үммөтү дүнүйө жыяр үйүнө, Напси араанын кең ачаар жеп-ичкенге сүйүнө. Шаан-шөкөттө шарактап түшүп кетээр түбүнө, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Акыр заман үммөтү «дүнүйө фани» билбестир, Өткөндөргө өнтөлөп андан ибарат албастыр. Жарандардын кылганын көрүп көзгө илбестир, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Жакшы жолдордон качып жаман жолго жарышкан, Шайтанды ээрчип пирим деп этегине жабышкан. Азезилди пирим деп эрте акшамда табышкан, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Ыйман исламын алып «өлбөймүн!» деп күлүшкөн, Түркүкмүн деп дүйнөгө Эгесине тирешкен. Эндекейликте өмүрү эскен желдей желп учкан, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Маалы келсе Азрейил: – Аманатты бер, – дегей, Шайтан даяр: «пирим» деп жан берерде шып киргей. Ыйман исламын алып, алы-жайын сүрбөгөй, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Тобоо кылса тобоосун, Эгем кабыл кылбагай, Алла десе кожосу колун тутуп албагай.
Аз күнөө, көп айыбын пирге барып чечпегей, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Жети жашта Арстан баб Түркстанга келди эле, Башым салып ыйласам алым көрүп күлдү эле. Миң бир зикир үйрөтүп, мээрим чачып сүйдү эле, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Үмүт кылып курмадан, алакан жайып сунду элем, – Эй бейадеп көөдөк, – деп асасын алып сүрдү эле. Каарынан качпадым, мага бакып турду эле, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
– Оозуң ачкын, ал мына, аманатың ылайым, Түк мазасын жутпадым, ке оозуңа салайын. Ак расулдун буйругун эки дебей кылайын, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Оозум ачтым салды эле, болду замат мас жаным, Эки ааламды унуттум, шарт ачылды асманым. Кожо, молдо жыйылды, курчап алды дос жаран, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Бабам айтты: – Ай балам, таклип кылбадың мага, Беш жүз жылдай кеминде сактап жүрдүм мен сага. – Мазасын сиз алыпсыз, сөөгүн бердиңиз мага, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Бабам болк-болк күлдү да: – Кашымда тур ылайым, Жаназамды окуп, көм, жаным курман чалайын. Жардам кылса мустапам алты асманга чыгайын, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Ыйлап ийдим: – Ай баба, бир көөдөкмүн, биле албайм,
Көрүңүздү оё албайм, көтөрүп көргө коё албайм. Ак Мүстапа санатын, акылга сизче түйө албайм, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Бабам айтты: – Ай балам, мааликтерим сак турар, Имам болуп Жебирейил, өзгөлөрү сап турар. Мыкайыл, Исрафилдер көр ичине жаткыраар, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
Кулкожакмат сырыңды наадандарга ачпагын, Сөздү айтып нааданга бучук пулга сатпагын. Ачтан өлүп жатсаң да наамартка тил катпагын, Арстан бабам сөздөрүн эшитиңиз, таберик.
[1] Текстте «расва», б.а. намысы кеткен. Бирок контекстке ылайыктап ага тетир котордук.
98-ХИКМЕТ
Кылаар болсо ким тарикат дубасын, Аавал кадам шариатка коймок керек. Шариаттын иштерин бүт ада кылып, Ошондон соң ал дубаны ойлош керек.
Шариатсыз жете албастыр тарикатка, Тарикатсыз өтө албастыр Акыйкатка. Шул Жолдордун башаты бүт шариатта, Бар ыраатты шариаттан сүрмөк керек.
Ошондон соң бир Эр керек кол сураарга, Табылса агер адашпаска Жол сураарга. Кезмек Жолдун кереметин болтурарга, Ошол Эрдин этегинен тутмак керек.
Ким Жол дайнын билбей туруп «шейхмин» десе, Кереметтен калайыкка кабар берсе. Калк жазгырган ал жарамсыз, жалган нерсе, Өзүн андай батылдардан сакташ керек.
Кол бербеген, Жол бербеген мүршүд эмес, Тарикат Жол эмнелигин өзү билбес.
Дин азар ал дили бузук, дээри келес, Ал азардан ыраак-ыраак качмак керек.
Пейлин салса татыктуу бол ыйык атка, Кайым болгун күнү-түнү рийасатта. Жалын, жалбар, кулдугуң ур, ибадатта, Кулдугунда белди байлап турмак керек.
Ошондон соң можжахэда тонун кийип,
Рийасаттын бутагында агып, ийип, «Мен! Мен!» деген өзчүлдүктүн өтүн тилип, Азат киймин сатып кордук алмак керек.
Мына үшүдүр жарандардын кылгандары, Таалиптерим билсин дешип жыйгандары. Айтып өттүм сөз даанасын, жок жалганы, Жаның, дээриң төшөп муну билмек керек.
Байкап, багып ар ким макул кылса муну, Кайтпас берилип зар какшанса күнү-түнү. Алла жаадын айтса дайын дирилл дили, Ал жарандан жакшыны үмүт кылмак керек.
Эрадатсыз[1] ушул Жолго багышпады, Энабатсыз[2] Жолго из-кадам салышпады. Эжазатсыз[3] ырым напси агытпады, Мурут деген мына ушундай болмок керек.
Кимдер кирсе ушул Жолго белин байлап, Кулкожакмат, кирсин өзүн кул деп ойлоп. Ниетин бүт Акка арнап, Нурга кармап, Бар ыкласын азиздерге бурмак керек.
Айа достор, акыр заман болду, көрүң, Динсиз каапыр бу ааламга толду, көрүң. Акка кулдук кылбай барча бузук болду, Аның үчүн каар касап салды, көрүң.
Акыр заман жышааны бул, кайрат кетти, Каарына алып кудурет эгем өкүм этти. Жер тозулуп, эл бузулуп динден өттү, Ислам зайаф[4] тайып колдон чыкты, көрүң.
Орозо, намаз ыйман ислам колдон кетти, Береке, кут, мээр, кайрым элден кетти. Расул Эгем айткандары келип жетти, Бу дүнүйөнү караңгылык басты, көрүң.
Аалымдары барча илимин малга сатты, Көрүп билип туруп өзүн отко жакты.
Өзү бузук, калкты түзөп акыл айтты, Дүнүйө үчүн динин, дилин сатты, көрүң. Адамдыктан кайтып тыкыр болду арам, Асир кылып перзенттерин салды, көрүң.
Кылганыңа кайрылып казап кылды калык, Шүгүр этпедик бизге жаза көп не жаглык[5]. Кайыр-аксан[6] эшигин Султан жапты кайрып, Аның үчүн жүз миң балаа толду, көрүң.
Күн көрбөгөн эссиз пенде Ай табынаар, Суу жүрөктөр Жол сүрүнөн майтарылаар. Дарттарына даба таппай бейчаралар, Муңдуу болуп каапырга кор болду, көрүң.
Жандан артык жана жан сүйгөн – азган алар,
Жүзүндө – Ай, көзү – чолпон мастаналар, Бойлорунан ою ашпаган бэкэнелер, Каапырларды ээрчип айран болду, көрүң.
Боздошту алар: – Неттик эми ай, энем, – дешип, Мынча дүмөк башка түшмөк белең, – дешип. Такаат таппай таманынан элеңдешип, Бу не касырет, – дешип зарын айтты, көрүң.
Каралдым деп ичтен муңун козгоп жүрдү, Каңгыраган ботого окшоп боздоп жүрдү. Какшап маарап козу болуп жоктоп жүрдү, Наалышында таш эрип мөлт, акты, көрүң.
Не мүшкүлдүр гүлдү үзүп сабагынан, Энелерин бөөдө айрып баласынан.
Алмаштырып күнүн-түндүн карасына, Баштарына караңгыны салды көрүң.
Э, дегенче энесинен Жолун кести, О, дегенче обосунан Нурун кести.
Кыяматтын орою суук кыян кески, Бурдап алды, жанга жапаа салды, көрүң.
Аналары кан ыйлады таппай ылааж, Кара кийип, жүзүн жыртып, жайылтып чач. Калды бекен балдарым деп ач жылаңач, Кан какшанып жүрөк, боорун эзди, көрүң.
Аталары түн тирмийип уйку качып, Гүл иреңи күл бозоруп нуру азып. – О кулунум, ботом, – дешип чыркырашып, Жака жыртып чачын бирден жулду, көрүң.
– Жандан артык көргөн азиз мээрбаным, Нурум сенсиң, сен – ардагым, сен – арманым!
Көздөрүмдүн чечекейи, денде жаным!
Кайда бардың, каңгырадым, – деп турду, көрүң.
Көргөнүмө көз ишенбейт, жалган, жалган!
Аттиң, муну көрбөй өлсөм, эмине арман.
Деп зарлатып көзү аккан, көөнү дартман. Не кылаарын билбей айран калды, көрүң.
Касырет тагын көңүлдөргө басты тамам, Кадыр Алла башка салса, барбы чараң.
Кудурет эрки; шаа айланасы кулга арам, Ак каарланып шундай жаза салды, көрүң.
Дүрдөй жанган гүлдөй балдар жаңы ачылган, Дүнүйө кууп амал тапкан, айла ашырган. Думанамын, Мажнунмун деп из жашырган, Дүлөй болуп мусулмандар калды, көрүң.
Эрким болсо Эр Шаамаран[7] болбойт белем, Билегиме алмас кылыч толгойт белем?!
Барча каапыр черүүлөрүн чалбайт белем!
Ылаажым жок арман күйдө калдым, көрүң.
Ак көөнүнө тикен болдум, ай пэрзентим, Өлгөнүм ак будан көрү, жай көрсөткүн! Эми ажалдан гана айыгаар көйгөй дартым, Айрылыштын ачуу мөөрүн басты, көрүң.
Барча тактан айрылыштын тагы ачуудур, Айрылгандан соң да айыкпас жан ачуу бул. Тилегимден тилинип тикен зар ачуу бул, Жүрөгүмдөн сызылып Сыр… кан толду, көрүң.
Балаа көптүр, бирок мындай балаа жоктур, Ак зарлабас жай пендеде санаа жоктур. Ажал жетип көргө кирмек бир дөөлөттүр, Ана минтип жоктоп, боздоп турду, көрүң. «Сенсиз мага ичкен ашым кыпкызыл кан, Сенсиз мага неге керек бу денеде жан.
Сенсиз мага караңгыдыр жарык аалам, Сенин гана дартың менде», – деди көрүң.
Эне, перзент бирин-бири кыйнап турду, Куруп алы, кучакташып ыйлап турду.
Чымын жанды чыркыратып чайнап турду, Бел сындырган бейпай күндөр келди, көрүң.
Билгин муну: караңгылык басты тамам, Бизге касап кылды бүгүн кадыр Аллам.
Каапыр ташы өргө кулап көңүлү шагдам, Мусулмандар муңга муунуп калды, көрүң.
Тобо дейли, анетпеске барбы чарам, Акыр заман жышаанынан будур аян. Арман зарын жашырбадым, кылдым баян, Таңга жайып күндөр чындап келди көрүң.
Азал[8] күндө азар бизге кылды тагдыр, Анча ката бизден да өтүп кылдык тагсыр2. Аның үчүн туулбай жатып болдук асир[9], Бала күндөн башка жапаа салды көрүң.
Ыракым калбай не энеде, не атада, Ынсап калбай не агайын бечарада.
Мусулмандар муш салышып ич арада,
Мастык менен туугандыктан танды, көрүң.
Көрбү көзүң! Заманаңды дарт жалмады!
Көңкү даана көрөгөндөн жан калбады!
Кадыр билбес тексиздер бүт тээгин жайды! Календерлер азап кордо калды, көрүң.
Топук билбес, динсиз кулдар болду аким, Топорлугу чектен ашып болду заалим.
Калк ичинде кар болушту дервиш аалим, Кайран журтту каапыр кылып салды, көрүң.
Көңүл күнүн басты көөдөй караңгылык, Өмүр гүлүн кырч тепседи наадан былык. Шариаттын шар жолунан танып, буруп, Акыйкаттын ак жолунан тайдык көрүң.
Динден безген дили тоңдун кайгысы жок, Дүйнө жыйып көр оокатка тойгусу жок.
Дөөгүр зөөкүр өлүмдү ойлоп койгусу жок,
Билген дини – дүнүйө чирик болду, көрүң.
Кул карыптын сөзү акыйкат, жалганы жок!
Дарты жоктор буну эшитээр дарманы жок!
Кайып сырын Хактан артык билгени жок!
Мүлдө аалымдар мени дааныш билди, көрүң.
[1] Эрадат – изги берилгендик.
[2] Энабат – арман – күй, аттиң айтуу.
[3] Эжазат – уруксат берүү, макулдук. Суфизмдин ички тереңдигине жетелеген ишаарат терминдер.
[4] Зайф – күчү кетип.
[5] Көп түрлүү жаза тарттык деген мааниде.
[6] Кайыр-аксан – кайыр, кайрым жакшылык.
[7] Шаамаран – Шахимардон – дин исламдын тарыхындагы легендарлуу каарман.
[8] Азал – эзел күндө, (мурдагы эле эмес, дамамат дагы, б.а. маңгилик
(извечность, изначальность); 2 Тагсыр – айып, күнөө.
[9] Асир – туткун, кул.
110-ХИКМЕТ
Ниет кылдык Каабага, раазы болгун досторум, Бир келээрбиз, кетээрбиз, раазы болгун досторум.
Ниет кылдык Каабага, хак мустапа рузага[1] Насип кылгай барчага, раазы болгун досторум.
Айып кетсе өзүмдөн, жакшы жаман сөзүмдөн, Тебелеп өт жүзүмдөн, раазы болгун досторум.
Достор бизди жоктогой, доңуз жандар тоотпогой, Кааба ыйыкка келбегей, раазы болгун досторум.
Сырдан болду ишаарат, мында курдук имарат, Достор кылгай ибаадат, раазы болгун досторум.
Кааба ыйыкка көчөлүк, заалимдерден качалык, Уул кыздан кечелик, раазы болгун досторум.
Жаагым жансам угаар жок, карып өлсө сураар жок, Жакшыларда халал[2] жок, раазы болгун досторум.
Кечти кулуң жаныдан, кетти калктын саныдан, Достор баргай соңудан, раазы болгун досторум.
Кулкожакмат, жум көзүң! Раазы болсун досторуң!
[1] Руза – гүлзар, бейиш бакча, ыйык кабырыстан.
[2] Халал – байлык, көр дүнүйө.
148-ХИКМЕТ
Субхан Алла өзүдүр, Хак мустапа көзүдүр, Бабам Арстан эсидир – шайыгым Ахмад Йассави.
Уучтап анын кыркасын[1] кийди, жеди– курмасын, Тутту Кааба калкасын, шайыгым Ахмад Йассави.
Бакса Кааба көрүнгөн, басса жерлер бөлүнгөн,
Байгамбар илими берилген – шайыгым Ахмад Йассави.
Асили айрур ханадан[2], билбес аны көп наадан, Билээр аны Ак Таалам, шайыгым Ахмад Йассави.
Ыскак баба тунугу, шейх Ибраим кулуну, Машайыглар улугу, шайыгым Ахмад Йассави.
Жазы суунун арасы, жанат көөхар парасы[3], Машайыглар сарасы – шайыгым Ахмад Йассави.
Карчыганы куштаган, шумкар, лаачын уштаган, Сансыз мурут баштаган – шайыгым Ахмад Йассави.
Шариатка шай уста, тарикатка бай уста, Акыйкатка нак уста – шайыгым Ахмад Йассави.
[1] Кирке, же хирка– дервиштин самтыр, көөнө чапаны.
[2] Айрур ханадан. Ханадан – тукум, уруу. Айрур – аруу, таза. Таза тукумданмын деген мааниде. Аруулардын (арийлердин) түп мекени Борбор Азия болгон жана алардын Индостанга ообой биякта калгандары кийинкиге дейре эле Кытай булактарында «ли» деген атта катка түшкөн. Айры же Ари.
[3] Пара – сыныгы, чачырандысы.
З.М.БАБУР
БАБУР-БАЯН
Сегиз жүз токсон тогузунчу жылдын (1494) окуялары
Бисмилла-и рахмани-и рахим!
Тогуз жүз токсон тогузунчу (1494) жылдын кулжа айында он эки жаш курагымда Фергана аймагынын өкүмдары болуп калдым.
Фергана – бешинчи иклимдеги (орто кылымдагы илимпоздордун түшүнүктөрү боюнча жер шары жети иклимге (климат) бөлүнгөн. Фергана бешинчи иклимге кирген – ред.) жер, айланасын адам баласы жайгашкан аймактар курчап турат. Күн чыгышында – Кашкар, Күн батышында – Самаркан. Күн жүрүшүндө – Бадакшан чегинин тоолору, Түндүк тарабында мурун китептерде Отрар деп жазып жүрүшчү, Алмалык, Алмата жана Жаңы деген шаарлар боло турган, бирок алар моголдор менен өзүбектердин (бул жерде Бабур өзүнүн душмандарын, Ак Ордонун Шейбани хан башкарган талаа көчмөндөрүн айтып жатат – ред.) жортуулдарынан улам талкаланып, азыр ал тарапта адам отурукташкан жайлар калбай калган!
Фергана – чакан чөлкөм, дан эгиндери менен жемиштерге мол. Фергана айланта тоо менен курчалган; Самаркан менен Хожент жайгашкан батыш тарабында тоосу жок, кышкысын ушул тарабынан башка жагынан жат душман кире албайт.
Хоженттин суусу деген ат менен маалым болгон Сейкун (Сыр-Дарыянын орто кылымдагы аты – ред.) дайрасы Ферганага түндүк-чыгыш тарабынан кирет; бул аймакты басып өтүп ал батышты беттеп агат, Хоженттин түндүгүнөн, азыр көбүнчө Шахрухия деген ат менен маалым болгон Финакетти (Сыр-Дарыянын боюндагы шаар. Азыр урандысы гана калган – ред.) түштүгүнөн айланып агат да, анан кайрадан түндүктү беттеп Түркестан тарапты карай агат; Түркестандан кыйла төмөн түшүп барып бул дайра башка эч бир сууга кошулбастан толук бойдон кумга сиңип кетет.
Ферганада жети шаар бар; алардын бешөө – Сейкун дайрасынын күн жүрүш тарабына жайгашып, экөө анын түндүк жээгинде.
Күн жүрүш тараптагы шаарлардын бири – Анжыян шаары. Бул – Фергана аймагынын ордосу. Мында дан эгиндери арбын, жашылча-жемиштери мол, коондору менен жүзүмдөрү даамдуу; коон бышкан маалда, анын ушунчалык молдугунан бакчадан коон сатуу адатта жок иш, Анжияндын алмурутунан өткөн даамдуу жемиш эч жерде болбойт.
Мавераннахрда (Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортосундагы аймак – ред.) Самаркан менен Кештен башка, Анжыяндай чоң сепил жок. Шаардын үч дарбазасы бар. Анжыян капкалары күн жүрүш тарабында. Суу шаарга тогуз арык менен кирет, эң кызыгы алардын бири да шаардан агып чыкпайт.
Сепилди курчаган терең аңгекти бойлото кум төшөлгөн чоң жол салынган; аны айланта отурукташкан айылдарды ушул аңгек менен чоң жол сепилден бөлүп турат.
Бул аймакта илбээсиндер абдан көп, кыргоолдор өтө семиз, чыкталып бышырылган бир кыргоолду төрт адам жеп түгөтө албаптыр деп айтып жүрүшөт.
Анжыяндын тургундары – бүтүндөй түрктөр; шаарда да, базарда да түрк тилин билбеген бир да кишини табууга болбойт. Сүйлөгөн сөздөрү адабий тилге жакын; өзү Гератта тарбияланып чоңойгону менен Мир Алишер Навоинин чыгармалары мына ушул тилде жазылган.
Анжыяндыктардын ичинде сулуулары көп; музыкада атагы чыккан Кожо-Жусуп анжыяндык болот.
Анжыян жери саздактуу, чирик жыт уруп турат, күзүндө мындагылардын кыйласы безгекке чалдыгышат.
Дагы бир шаар – Ош. Ал Анжыяндан төрт жыгач (аралык ченеми, бир жыгач алты километрге жакын аралык – ред.) аралыкта, түштүк-чыгыш тарабында (кыйла чыгыш тарабында десе да болот) жайгашкан, абасы эң сонун, агын суулары көп, мында жаз эң кооз келет. Оштун артыкчылыктары туурасында көптөгөн ылакаптар маалым.
Сепилдин түштүк-чыгышында Бара-Кух (азыркы Оштогу Сулайман тоосу – ред.) аттуу кооз тоо бар. Ушул тоонун чокусуна Султан Мамыт (Махмуд) хан үжүрө тургузган. Андан төмөнүрөөк, тоонун урчугуна тогуз жүз экинчи (1502) жылы мен дагы алдында бастырмасы бар бир үжүрө там тургуздум. Анын үжүрөсү меникинен жогору турса да, меники кыйла жакшы жайгашкан: андан шаар да, шаардын айланасы да алаканга салгандай даана көрүнүп турат.
Анжыян суусу Оштун өңүрүн тепсеп, Анжыянга агып өтөт. Суунун эки жээгин бойлой алмазарлар жайгашкан, бактардын баары дүпүйүп сууну жаап турат. Мындагы бинапша гүлдөрү абдан кооз келет.
Ошту агын суу кесип өтөт, мындагы жаз маалы артыкча кооз; жер бетин бербей жоогазындар менен розалар жайнап чыгат. Баракух тоосунун этегине, тоо менен шаардын ортосунда Жауздун мечити деп аталган мечит бар. Тоонун этеги менен чоң суу агып өтөт. Мечиттин сырткы короосу кичине эңкейиш келип, анда уй беде өскөн көлөкөлүү көк жайык болор эле, ар бир саякатчы же жолоочу бул жайда сөзсүз тыным албай өтчү эмес. Ошто адат болгон бир шакаба боло турган: кимде-ким ушул көк жайыкка уктап калса, аны карай алиги арыктын суусун жайып жиберишчү.
Өмөр-Шайык (Омор Шейх) мырзанын өмүрүнүн акыркы жылдарында ушул тоодон ак, кызыл салаалары бар ташты табышты. Ал таштан бычак сап, курга жана башка буюмдарды жасашат. Бул жакшы таш. Фергана аймагында абасынын жагымдуулугу жана тазалыгы боюнча Ошко теңдеш башка шаар жок.
Дагы бир шаар – Маргалаң, ал Анжыяндын батыш тарабында жети жыгач аралыкта жайгашкан. Бул ар кандай молчулукка бай жакшы шаар. Мында анар менен өрүктөр абдан мол жана даамдуу. Донакалан деп аталган анардын бир түрү бар, андан өрүктүн ачкыл-таттуу жакшынакай даамы сезилип турат. Семнан анарларына караганда бул анардын артыкчылыгы бар десе болот.
Бул жерде, ичинен сөөгүн алып, анын ордуна, чагылган данегин салып кургатчу өрүктүн дагы бир түрү бар, аны субхани деп аташат, ал абдан таттуу келет.
Мында илбээсиндер көп, ак кийиктер да жакын арадан эле жолуга берет.
Маргалаңдын тургундары – сарттар; булар чыр жана тынчы жок эл келет. Мавераннахрда жалаң кол менен мушташуу кеңири тараган; Самаркан менен Бухардагы атактуу мушташкычтардын көпчүлүгү маргаландыктар.
Хидаинин (Мусулман закондорунун жыйнагы – ред.) автору да Маргалаң аймагындагы Ришдан деген жерден болот.
Шаарлардын дагы бири – Исфара. Ал тоонун этегине жайгашкан. Шаарда агып өткөн арыктар менен жанга жагымдуу бактар бар. Исфара Маргалаңдын түштүкбатышында. Маргалаң менен Исфаранын ортосу тогуз жыгачтык аралык. Мында жемиш бактары көп, бирок бадам дарагы басымдуулук кылат.
Исфаранын тургундарынын баары – сарттар, фарсиче сүйлөшөт. Исфаранын күн жүрүшүндөгү бир шери (шери – эки километрге чамалаш аралык – ред.) аралыктагы дөңсөөлөрдүн арасында Санги-и-Айна делген бир чоң таш жатат. Ал таштын узундугу болжол менен он кары (кары – 70 см. болгон узундук, бир кулачка барабар десе да болот – ред.), бийиктиги кай бир жеринде киши бою менен барабар, жапыс жерлери белден келет. Бардык нерсе ал таштан күзгү сыяктуу чагылып көрүнүп турат.
Исфара – төрт булуктан (булук – административдик бөлүк – ред.) турган тоолуу аймак. Алардын бири Исфара аталат, башкасы – Варух, үчүнчүсү – Сох жана төртүнчүсү – Хушьяр делет. Мухаммед Шейбани хан (Бабурдун кас душманы, «өзбек» деп да атаган Ак ордонун хандарынан – ред.) Султан Мамыт хан менен Алача ханды (Бабурдун агасы, Жунус хандын балдары – ред.) талкалап, Ташкен менен Шахрухияны басып алганда мен ушул Сох менен Хушьярдын тоолуу чөлкөмүнө өтүп, бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирип, бир жыл чамасында тургам да, анан Кабылга бет алгам.
Ферганадагы шаарлардын дагы бири – Хожент. Ал Анжыяндан жыйырма беш жыгач аралыкта батышта жайгашкан. Хоженттен Самарканга чейин да жыйырма беш жыгач келген жол жатат. Бул эң байыркы шаарлардын бири: Маслахат Шайык менен Кожо (Акын Камаледдин Хоженти – ред.) Камал ушул жерлик болушат.
Мындагы жемиштер абдан даамдуу келет, эң сонун сапаты үчүн Хоженттин анарынын атагы маалым. Эл ичинде «Самаркандын алмасы» деп аталгандай эле «Хоженттин анары» деген аңыз тараган. Бирок кийинки кездерде маргалаңдын анары кыйла артык деп эсептелинет. Хоженттин сепили бийик жерге жайгашкан. Сейхундун суусу Хоженттин сепилинен жаан ын жебеси жеткидей аралыкта түндүгүнөн айланып өтөт. Сепил менен суунун түндүгүндө Мушту-Чил тоосу бар, ушул тоодон көгүлтүр акак таш (бирюза) жана башка кендер чыгат, тоодо жылан эң көп.
Хожентте аңдар менен илбээсиндерге аң уулай турган эң сонун жерлер бар. Ак кийиктер, бугулар, элик-маралдар, кыргоолдор менен коёндор эң эле көп болот. Хоженттин абасы нымдуу, саздак келип, чирик жыттанып турат да, күзүндө көптөр безгек болуп калчылдап чыгышат. А түгүл таранчылар да безгекке чалдыгышат дешет. Мындагы абанын ушундай чирик жыттанышы түндүк тараптагы тоонун кесепети деп калышат.
Ушул Хожентке баш ийген жерлердин бири – КаниБадам. Бул чындыгында шаар эмес, жакшынакай чакан шаарча. Мында бадам эң сонун бышат, ошол себептүү шаарча да ушинтип (Кани-Бадам) аталат. Анын бадамынын баары Хурмуз менен Хиндустанга жөнөтүлөт. Кани-Бадам Хоженттин чыгыш жагында беш-алты жыгач аралыкка жайгашкан.
Хожент менен Кани-Бадамдын ортосунда Ха-Дербиш аталган талаа созулуп жатат. Бул талаада дайыма шамал үзүлбөйт, чыгышка Маргалаңга да шамал ушул тараптан согот, батышка, Хожентке да шамал ушул жактан келет. Бул талаада куюндар катуу болот. Бир жолу бир нече дербиштер ушул талаада катуу бороонго туш болуп калышкан имиш деп жүрүшөт. Бороон аларды туш-тушка таратып, бирин-бири таппай калышыптыр, анан алар «Ха-Дербиш, Ха-Дербиш» деп кыйкырып жүрүшүп жан беришиптир. Ошондон бери бул чөлдү ушинтип «Ха-Дербиш» атап калышкан экен.
Сейкун дайрасынын түндүк жээгиндеги шаарлардын бири – Аксы: акын Асираддинди, Асираддин Аксыкенти дегендей, китептерде аны Аксыкент деп жазып жүрүшөт. Ферганада Анжыяндан башка мындан ашкан чоң шаар жок. Анжыяндан батышка карай Аксыга чейин тогуз жыгач жол жатат. Өмөр-Шайык мырза, аны өзүнө ордо кылып алган. Сейкун дайрасы сепилдин түбүнөн агып өтөт. Сепил бийик жардын үстүнөн орун алган. Атайын казчу аңгектин милдетин тик жарлар аткарат. Өмөр-Шайык мырза Аксыны өзүнө ордо кылып алгандан кийин бир же эки жолу сепилдин сырты менен терең аңгек каздырган. Ферганада мындан өткөн башка бекем сепил жок. Шаардын этеги сепилден сырткары бир шериден ашык жерге чейин созулуп жатат. Кыязы: «Тамы кайсы, багы кайсы?» деген ылакап ушу Аксы туурасында айтылса керек.
Бул жердин коону абдан даамдуу келет: миртемир делген коондун бир түрү бар; дүйнөнүн дагы кайсы бурчунда ушундай коон бар экени белгисиз. Букардын коону да көпкө белгилүү. Мен Самарканды алганда Аксы менен Букардын коондорунан алдырдым да бир чогулушта экөөн тең ортого кестирип койдум, ошондо Аксынын коону теңдешсиз артык болуп чыкты.
Аксы илбээсиндерге да бай. Сейкун дайрасынын Аксы тарабы талаа келип, ал жерде ак кийиктер көп болот. Анжыян тарабы калың бадалдуу: бул жерде бугу, маралдар менен коёндор арбын, алар аябагандай семиз болот.
Дагы бир шаар – Касан, ал Аксынын түндүк тарабына жайгашкан. Ал Аксыдан чаканыраак шаар Анжыян суусу Оштон агып чыккандай эле Аксынын суусу да Касан жактан агып келет. Бул абасы жанга жагымдуу жай. Шаардын кооз бактары суунун боюна жайгашкандыктан, аларды суунун «көрпө тону» деп аташа турган. Ош менен Касандын тургундары өз шаарларынын абасынын жагымдуулугу жана тазалыгы менен мактанышат.
Фергана аймагын курчап турган тоолордо эң сонун жайлоолор бар; бул тоолордо табылгы деген дарак өсөт, башка жерлерден алар табылбайт. Табылгы – кызыл кабыктуу жыгач, табылгыдан аса таяк, камчы сап, канаттуу куштарды бага турган чабыра жасалат. Табылгыны жакшылап жонуп куйруксуз жебе жасашат. Бул абдан жакшы дарак. Алыс жайларга табылгыны белек катары ала барышат.
Кээ бир китептерде «ябрух ас-санам» чөбү ушул тоолордо өсөт деп жазып жүрүшөт, бирок азыр ал туурасында эч кандай маалымат жок. Жетикенттин тоолорунда өсө турган бир чөп тууралуу кабарым бар. Жергиликтүү эл ал чөптү «кийик оту» дешет, анын таасир этчү касиети «михр-гияк» деген чөпкө окшош. Балким ошол гияктын өзүдүр, ошол жерликтер аны кийик оту аташаар. Ал тоолордо көгүлтүр таш (бирюза) чыккан жайлар, темир кендери бар.
Фергана аймагынын кирешеси менен, эгер тактап акыйкат сарптаса, үч-төрт миң адамды бакса болот.
* * *
Өмөр-Шайык мырза ой-санаасы бийик, көп нерсеге кол сунган өкүмдар болгон, ошол себептүү дайыма бөтөн жерлерди басып алууга умтулуп турар эле. Ал бир нече жолу Самарканга жортуул жасаган, кээде жеңилип калып, кээде аргасыз шарттар мажбурлап кайра тартчу. Бир нече жолу ал өзүнүн кайын атасы, Чынгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын тукуму Жунус (Юнус) ханды да жортуулга кошо чакырып көрдү. Ошол кезде Чагатай журтундагы могол элинин ханы, менин таятам Жунус хан болчу. Аны чакырган сайын Өмөр-Шайык мырза ага кайсы бир аймакты тартуу кылып турар эле. Бирок иш Өмөр-Шайык мырзанын оюндагыдай болбогондугунан улам, же ӨмөрШайыктын кыялынын чатактыгынан, кээде болсо могол элиндеги ар кандай ыйкы-тыйкылыктарга байланыштуу Жунус хан ал аймакта көпкө туралбай өзүнүн Моголистанына кетип калар эле.
Өмөр-Шайык мырза Жунус ханды акыркы жолу чакырганда ага ошол кезде өзүнүн кол алдында турган Ташкен аймагын тартуулаган, китептерде Ташкенди Шаш деп, кээ бир учурда Чач деп да жазып жүрүшөт. Айтылып жүргөн «Чачтын пиясы» деген сөз да ушундан улам. Ошондон тартып тогуз жүз сегизинчи (1503) жылга чейин Ташкен менен Шахрухия аймактары чагатай хандарынын бийлигинде болуп калды. Ошол кезде могол элинин хандык бийлиги Жунус хандын улуу уулу, менин таякем Султан Мамыт (Махмуд) ханда эле. Самаркандын өкүмдары Өмөр-Шайык мырзанын бир тууган агасы Султан Акмат мырза менен могол элинин ханы Султан Мамыт хан Өмөр-Шайык мырзанын кыялынын чатактыгынан көп жапа чегишкендиктеринен улам алар өз ара келишим курушат. Султан Акмат мырза Султан Мамыт ханды өзүнө күйөө кылып алат да ошол жылы Султан Акмат мырза Хожент суусунун күн жүрүшүнөн, Султан Мамыт хан түндүгүнөн Өмөр-Шайык мырзага каршы кошуундарын баштап чыгышат.
Ошол учурда тан каларлык окуя болот. Аксы сепили бийик жардын үстүнө жайгашкан болчу деп мурун эскертпедик беле. Курулуштар жардын кырларында турчу. Ошол жылдын кулжа айынын төртүндө дүйшөмбү күнү Өмөр-Шайык мырза кептери жана кептерканасы менен кошо жарга урап каза болот. Ал жарыктыкта отуз тогуз жыл өмүр сүрдү.
Өмүр-Шайык мырзанын төрөлүшү жана ата-теги
Ал сегиз жүз алтымышынчы (1453) жылы Самарканда төрөлгөн. Өмөр-Шайык мырза Абысейит (Абу Саид) мырзанын Акмат мырза, Султан Мухаммед мырза, Султан Мамыт мырза деген уулдарынан кичүү төртүнчү уулу болчу. Султан Абысейит мырза Султан Мухаммед мырзанын уулу, Султан Мухаммед мырза Миран Шаа мырзанын, Миран Шаа мырза эмир Темир бектин Өмөр Шайык мырза менен Жээнгер (Джехангир) мырзалардан кичүү Шахрух мырзадан улуу үчүнчү уулу болгон.
Абысейит мырза алгач Өмөр-Шайык мырзага Кабылды (Кабул) энчилеп берет. Кабылдык Бабаны (Баба-иКабулини) тарбиячы кылып дайындайт да, аларды ошол жакка жөнөтөт. Мырзаларды сүннөткө отургузуу тоюна байланыштуу Өмөр-Шайык мырзаны кайра Дары-и Гарадан чакыртып, Самарканга алып келүүнү буюрат. Тойдон кийин кудум Темир бек өзүнүн улуу уулу Өмөр Шайык мырзага Анжыян аймагын бергендей, Абысейит мырза да Өмөр-Шайык мырзага Анжыянды берет да, Кудайберди Тугчи Темир ташты тарбиячы кылып дайындап экөөн ошол жакка жөнөтөт.
Өмөр-Шайык мырзанын сырткы сыны жана сапаты
Өмөр-Шайык мырза анча чоң эмес орто бойлуу, эткээл, ак куба, тегерек сакал киши болчу. Дайыма тар чапан кийип демин ичине алып кур менен тартынып ала турган, эгер белин бекем курчанып туруп демин коё берчү болсо бел куру көпчүлүк учурда үзүлүп кетээр эле.
Ал кийген кийим менен ичкен тамагына маани бербеген жөнөкөй адам болчу: башындагы селдесин атайын кызматкер ороп берер эле, ал кезде баары селдени бүктөө чыгарбай туруп төрт кайтара ороп, бир учун төмөн түшүрүп коюша турган. Жайында, ордонун жыйын жайынан башка жерде ал могол калпак кийип жүрөр эле.
Өмөр-Шайык мырзанын кулк-мүнөзү жана үрп-адаты
Өмөр-Шайык мырза ишеними боюнча ханифит келип, жан-дили менен берилген динчил киши эле, беш убакыт намазын эч качан бузчу эмес, үзгүлтүксүз куран окуп, өтөбөй калган ырым-жырымдарын дайыма калтырбай өтөп турчу. Ал кадырлуу Кожо Убайт (Ходжа Убайд) Аллактын муруту (мурид) эле, көп учурда аны менен бетмебет отуруп сүйлөшүүгө татый турган. Кадырлуу Кожо а түгүл аны уулум деп атачу.
Өмөр-Шайык мырза абдан сабаттуу келип, эки «Пятерицаны» (Беш-баян), мескеви менен санжыраларды үзбөй окуй турган, көбүнчө ал Шахнамени (Шахтар баянын) окучу. Ал ыр чыгарууга да жөндөмдүү болчу, бирок поэзияга анча көңүл бурчу эмес.
Анын адилеттиги өтө чексиз бийик эле. Бир жолу Кытайдан келе жаткан кербенди Анжыяндын чыгышындагы тоонун этегинде чоң кар басып калып, миң кишиден эки гана кишиси аман калат. Бул кабарды уккан Өмөр-Шайык мырза ал жакка атайын адамдар жиберет да, кербендин бардык мүлкүн чогултуп алат. Өзүнүн өтө каржалып турганына карабай, доолап алар эч кимиси болбосо да кербендин мүлкүн чыпчыргасын коротпой сактап турат. Кийин бир же эки жыл өткөн соң Самаркан менен Хорасандан ал мүлктөрдүн мураскорлорун таап чакыртып, дүрдүйнөсүнүн баарын толук бойдон колдоруна тапшырат.
Ал жоомарт, колу ачык киши эле, анын мүнөзү да ошол берешендигине төп келчү. Ал ак көңүл, сыр жашырбас сүйлөөк, сөзмөр киши болчу, эр жүрөк жана кайраттуу адам эле. Эки жолу ал душманга бет алып кылыч сууруп, өз жигиттеринен озуп ат коюп чыккан; бир жолу Аксынын дарбазасынын алдында, экинчи жолу – Шахрухиянын дарбазасында. Жааны ал анча таамай ата алчу эмес, бирок муштум менен сокконго мыкты болчу, анын мушуна эч бир жигит туруштук кыла албай турган.
Бөтөн жерлерди басып алуу адатынан уламбы ал көбүнчө ынтымакты чырга, достукту кастыкка айлантып жибере турган. Мурда ал шарапты көп ичээр эле, бирок кийинчерээк ал ичимдик менен жумасына бир же эки жолу гана отуруш кылчу. Ал сөзгө чечен аңгемечи болчу, ыгы келе калганда ырды да куюлуштуруп мыкты айтаар эле. Акыркы жылдары ал кызытуу чу дарыларды көп иччү болгон, ошондон улам ээлигип алган соң дээрлик баш бербей буркан-шаркан түшүп кетер эле. Ал сүйүү сезимине бат берилгич болчу, ошондуктан ашыктыктын азабын көп тартар эле, анан дайыма нард (тогуз коргоол сыяктуу оюндун түрү – ред.) ойноп, айрым учурда кумар сөөкчөсүн да ойной коё турган.
Согуштары менен чабыштары
Ал үч жолку салгылашка катышты. Анын биринчи согушу Жунус хан менен Анжыяндын түндүгүндөгү Сейкун суусунун боюнда Текесекирткен деген жерде болду. Ал жердин мындай аталышы, тоодон түшкөн суу ушунчалык кууш сайдан чыгат экен, ал жерден текелер жөн эле секирип өтөт имиш, ошондон Текесекирткен аталып калган дешет.
Бул жерде жеңилген соң Өмөр-Шайык мырза душман колуна түшүп калат, бирок Жунус хан чоң жакшылык кылып аны бошотуп, өз жерине коё берет. Согуш мына ушул жерде болгонунан улам, Текесекирткендеги кармаш ошол аймактын эли үчүн эстен чыккыс болуп калат.
Экинчи жолу ал Түркестанда Арыс суусунун жээгинде, Самарканга жортуул жасап, олжолуу келатышкан өзүбектер менен согушту. Арыс суусунун тоңгон музунан өтүп барып ал өзүбектерди катуу талкалады, алар айдап келаткан туткундар менен олжо малдарды тартып алып, кылын да коротпостон мурунку ээлерине кайтарып берди.
Дагы бир жолу ал Шахрухия менен Ородөбөнүн ортосундагы Хавас деген айылдын жанында Султан Акмат мырза менен согушуп жеңилип калган.
Өмөр-Шайык мырзанын кол алдындагы жерлер
Атасы ага Фергана аймагын берген; бир тууганы Султан Акмат мырза бергенден кийин Ташкен менен Сайрам да анча-мынча убак Өмөр-Шайык мырзанын кол алдында болду. Шахрухияны куулук менен каратып алып, ӨмөрШайык мырза бир азга анда да бийлик кылды: акыркы жылдары Ташкен менен Шахрухия колунан чыгып кетип, анын карамагында Фергана калды, анан дагы Хожент менен Ородөбө да Өмөр-Шайык мырзага карай турган. Бул шаардын алгачкы аты – Усрушна делет, а түгүл Усруш деп да айтышат. Хожентти кээ бирөөлөр Ферганага кирбейт деп жүрүшөт. Султан Акмат мырза Ташкендеги моголдорго жүрүш жасап, чир суусунун боюнда жеңилип калганда, Ородөбөдө Хавиз (Мухаммед) бек Дулдай бийлик кылып отурган эле. Ал шаарды мырзага тапшырып моюн сунган, ошондон баштап Усрушна Өмөр-Шайык мырзанын кол алдына өткөн болчу.
Анын урук-тукуму
Мырзадан үч уул, беш кыз калды. Уулдарынын эң туну мен – Захираддин Мухаммед Бабурмун, менин энем Кутлук (Куттуу) Нигар ханым эле. Дагы бир уулу Жээңгер мырза, ал менден эки жашка кичүү болчу, анын энеси могол түмөнбектердин (миңбашы) тукумунан келип, аты Фатима Султан эле. Дагы бир уулу Насыр мырза болчу. Анын энеси үмүт аттуу анжыяндык бейнике аялы эле. Ал менден төрт жашка кичүү болчу.
Кыздарынын эң туну Ханзада биким эле; ал мени менен бир энеден келип, менден беш жаш улуу болчу. Мен экинчи жолу Самарканды алганда, Сари-и Пулдун жанында жеңилип калганыма карабай, Самарканга келген соң, анын сепилин беш ай бою коргоп турдум. Жакын арадагы жана кошуна өкүмдарлардан, бектерден эч кандай колдоо да, жардам да болбоду. Аргам түгөнүп мен сепилди таштап кетип калдым. Бийликсиз арабөк кезде Ханзада биким Шейбани хандын колуна тийип калды. Ал андан Хуррам шаа аттуу уулдуу болгон, ал абдан жылдыздуу жигит эле. Шейбани хан ага Балх аймагын энчилеп берген, бирок атасы каза болгондон бир-эки жыл өтпөй ал өзү да жан таслим болду.
Шаа (шах) Исмаил Мервдин жанында өзүбектерди талкалаганымда Ханзада биким Мервде эле. Мени сыйлашып, ага чаң жугузушкан жок да, урмат менен мага жөнөтүп жиберишти. Кундузга келип, ал менин бүлөмө кошулду. Биздин бири бирибизди көрбөгөнүбүз ошондо он жылга аяк баскан эле. Биз Мукамбет эмчектеш экөөбүз ага учурашканы кирдик. Ханзада биким менен анын жакындары ысмымды атасам да, мени тааный алышкан жок. Бир аздан сон гана араң таанышты.
(Өмөр-Шайык мырзанын) дагы бир кызы – Микр Бану биким болчу, ал Насыр мырза менен бир энеден боло турган. Ал менден эки жашка улуу эле.
Дагы бир кызы – Шахр Бану биким. Бул дагы Насыр мырза менен бир энеден боло турган, ал менден сегиз жашка кичүү эле.
Дагы бир кызы – Ядгар Султан биким болчу. Анын энеси Ага Султан аттуу никесиз аял боло турган.
Дагы бир кызы – Рукайя Султан биким эле. Анын энеси Кара Кыз биким деп коюшчу Макум Султан биким болчу. Бул эки кызы тең мырзанын көзү өткөндөн кийин төрөлүшкөн. Ядгар Султан бикимди менин таенем Исан Дөөлөт биким тарбиялады. Шейбани хан Анжыян менен Аксыны басып алганда Ядгар Султан биким Хамса Султандын уулу Абдаллатиф Султандын колуна түшкөн эле, кийин мен Хамса Султан башында турган султандарды Хутталандын жанында талкалап Кысарды (Хисар) алганда, ал менин бүлөмө кошулган. Бийликсиз баш аламан кезде Рукайя Султан биким Жанибек Султандын энчисине тийип калат. Андан бир же эки уул көргөн экен, бирок экөө тең узак өмүр сүрбөптүр. Азыр анын өзү да көз жумгандыгы тууралуу кабар келди.
Анын зайыптары жана бейнике аялдары
Зайыптарынын бири Куттук Нигар ханым болчу; ал Султан Мамыт хан менен Султан Акмат хандын эжеси, Жунус хандын экинчи кызы эле. Жунус хан Чыңгысхандын экинчи уулу Чагатай хандын тукуму боло турган. Жунус хан – Ваис хандын, ал Шералы Огландын, ал Мухаммед хандын, ал Кыдыр Кожо хандын, ал Туглук хандын, ал Исан Бука хандын, ал Дува хандын, ал Барак хандын, ал Жөсүн (Иссун) Туванын, ал Мутегендин, ал Чагатайдын, ал Чыңгыз хандын уулу болгон.
Кыябы келе калган соң хандардын баянынан да кабарлай кетели.
Жунус хан менен Исан Бука Ваис хандын уулдары болчу. Жунус хандын энеси Темир бек аркасын тийгизип жүрчү Шайык Нураддин бек деген Түркстандык кыпчактардын бегинин кызы же небереси боло турган. Ваис хандын көзү өткөн соң моголдордун өлкөсү экиге бөлүнүп кетти: бир бөлүгү Жунус хан тарабында болуп, а көпчүлүгү Исан Бука хан тарапта эле. Буга чейин Улукбек мырза Жунус хандын эжесин Абдылазиз мырзага келиндикке алган болчу. Ушундан улам атайын көмөк алып моголдогу бийлигин кайра алуу үчүн барын уругунун бектеринин бири Ыразан менен Чарас уругунун бектеринин бири Мирек Түркмөн үч-төрт миң моголдору менен кошо Жунус ханды Улукбек мырзага көчүрүп келет. Улукбек мырза адилдикти көрсөтө алган жок: бир топ моголду туткунга алып, калгандарын ар кайсы тарапка таратып жиберди. Ыразандын дүрбөлөңү могол аймагындагы унутулгус кайгылуу окуя болуп калды.
Хандын өзүн Иран тарапка сүрүп таштады. Ал жакта ал бир жыл ашуун Тебризде туруп калды. Ал кезде Тебризде Кара Койлук Жакан шаа (Джекан шах) Барани өкүмдар болуп турган эле. Ал жактан хан Ширазга өттү: Ширазда Шакрук мырзанын экинчи уулу Ибрагим Султан мырза бийликте турган. Беш-алты айдан кийин Ибрагим Султан мырза каза болуп, атасынын ордуна уулу Абдаллах мырза бийликке келет. Хан Абдаллах мырзага нөкөр болуп туруп калат. Ширазда жана башка ошол тараптагы жерлерде хан он жети-он сегиз жылча жүрүп калды.
Улукбек мырза менен анын уулдарынын ортосундагы ыйкы-тыйкыдан пайдаланып Исан Бука хан Ферганага жүрүш жасап Канибадамга чейин жетип барат. Ал Анжыянды каратып, бардык тургундарын туткундап алат. Султан Абысейит мырза такка отурганда, ал кол алдындагы аскерин Исан Бука ханга каршы баштайт. Моголстандагы Жаңы шаарынын желкесинде, Ашпаранын жанында ал Исан Бука хандын таш талканын чыгарат. Бул дүрбөлөңдү биротоло тыюу үчүн, мурун Абдалазиз мырза алган Хана Ханымдын эжесине үйлөнгөнүн эске алып Жунус ханды Иран менен Хорасандан чакыртып алат. Чоң той өткөрүп экөө достошуп калышат. Султан Абысейит мырза моголдордун ханы кылып Жунус ханды жиберген соң, саруу (сагаричи) уруусунун бардык бектери Исан Бука ханга таарынышып кайра Моголстанга келишет: Жунус хан алардын алдына түшөт. Ошол чакта сагаричти (саруу) уруусунун эң беделдүү беги Шер кожо (Шер Ходжа) бек болгон. Жунус хан анын кызы Исан Дөөлөт бикимге үйлөнөт. Моголдордун салты боюнча Жунус хан менен Исан Дөөлөт бикимди ак кийизге отургузуп, хан көтөрүп алышат.
Жунус хандын ушул Исан Дөөлөт бикимден үч кызы болгон. Кыздарынын эң тунун Султан Абысейит мырза өзүнүн тун уулу Султан Акмат мырзага колукту кылып сөйкө салып койгон Микр Нигар ханым эле. Мырзадан ал уул да, кыз да көрбөдү. Кийин бийликсиз баш аламан чакта ал Шейбани хандын колуна түштү. Мен Кабылга келгенде Микр Нигар ханым Шаа биким менен бирге Самаркандан Хорасанга өтүп, анан алар Хорасандан Кабылга келишкен болчу. Шейбани хан Кандагарда Насыр мырзаны камап калганда мен Ламганга жөнөп кеткен элем; Хан мырза, Шаа биким менен Микр Нигар ханым болуп Бадакшанга бет алышыптыр. Мубарак шаа Мырза ханды Кала-и-Зафарга чакырганда, жолдо баратышып алар Кашкардык Абакирдин (Абу Бекр Кашгари) олжо издеген жолбундарына көз болуп калышат. Шаа биким да, Микр Нигар ханым да, аларды коштоп баратышкан үй-бүлөлөр аялдары менен баары тигилердин колуна түшүп, ошол жан кечти бузукулардын туткунунда жатып, жарык дүйнө менен кош айтышат.
Жунус хандын экинчи кызы менин энем Куттук (Кутлук) Нигар ханым болчу. Бийликсиз баш аламан качкын мезгилдердин баарында ал көбүнчө мени менен бирге болду. Кабылды алгандан беш-алты айдан кийин, тогуз жүз он биринчи (1506) жылы ал жарык дүйнө менен кош айтышты.
(Жунус хандын) үчүнчү кызы – Хуб Нигар ханым эле. Аны дөөлөт Мухамбет Кусейин Гурганга күйөөгө берген. Андан бир кыз, бир уул көргөн. Кызына Убайт хан үйлөнгөн болчу. Мен Бухар менен Самарканды алганда ал эч жакка кетпей ошондо калган. Таякеси Сейит Мухаммед мырза мага Сейит хандан элчи болуп келип, ал таякесине кошулуп кеткен эле. Султан Сейит хан аны аялдыкка алыптыр.
Хуб Нигар ханымдын уулу Хайдар мырза болчу. Атасын өзүбектер өлтүрүп койгондон кийин ал мага келип, колумда үч-төрт жыл туруп калган. Кийин ал уруксат сурап Кашкарга, Ханга кетип калган.
Ар бир нерсе өз тобуна жакын да –
Аппак күмүш, коргошун да, алтын да.
Эми ал оор басырыктуу болуп жакшы жолго түштү деп жүрүшөт. Жазганга, сүрөт тартканга, жебе жасаганга, жебенин учуна темир кийгизгенге, жааны тартчу шакекчени жасаганга баарына анын колу эптүү эле. Ыр жазганга да анын жөндөмү бар болчу. Андан мага өтүнүч кат келди, каттагы өз оюн билдириши жаман эмес.
Жунус хандын дагы бир аялы Шаа биким болчу. Анын башка дагы аялдары болгону менен, ушул эки аялы гана уулдары менен кыздарына эне болушту. Шаа биким Бадакшандын шаасы Шаа Султан Мухамеддин кызы эле. Бул Бадакшандын шаалары өздөрүнүн ата-тегин Файлакустун уулу Искендерден (Филипптин уулу Александр. Александр Македонский – ред.) улап сүрүшөөрүн айтып калышат.
Бул шаанын экинчи кызына, Шаа бикимдин эжесине Султан Абысейит мырза үйлөнүп: андан Абакир (Абу Бекр) мырза төрөлгөн.
Хан Шаа бикимден эки уул, эки кыздуу болду. Үч уулунун агасы, бирок жогоруда айтылган хандын үч кызынан кичүү баласы, Самарканда жана анын айланачөйрөсүндө Ханике хан деп атап жүрүшкөн уулу Султан Мамыт хан болчу. Султан Мамыт хандан кичүү уулу, элде Алача хан деген ат менен белгилүү болгон Султан Акмат хан эле. Анын минтип Алача аталып калышын, калмак менен могол тилинде адам өлтүргөн кишини «алачы» дешет, а Султан Акмат хан бир нече жолу калмактарды талкалап, алардын көптөгөн адамдарын кырган, ошон үчүн аны алачы деп калышкан; көп жолу айтыла бергенден улам алачы деген сөз Алачага айланып кеткен имиш деп жүрүшөт.
Биздин баянда бул хандар туурасындагы кабар дагы далай кездешет, алардын өмүрүндөгү окуялар менен урунттуу учурлары ошондо баяндалат.
Хандын балдарынын, бир кызынан башкасынын кичүүсү Султан Нигар ханым болчу, аны Султан Мамыт мырзага күйөөгө берип, мырзадан ал Султан Ваис аттуу уул тапкан, ал туурасында баяныбыздын кийинки жагында дагы сөз болот.
Султан Мамыт мырза каза болгондон кийин Султан Нигар ханым эч кимге билдирбей уулун ала качып Ташкенге бир туугандарына кирип кетет. Бир нече жыл өткөндөн кийин аны казак султандарынын бири, Чыңгыз хандын тун уулу Жоочунун тукуму Адик султанга күйөөгө беришет. Шейбани хан хандарды талкалап Ташкен менен Шахрухияны алганда Султан Нигар ханым он эки могол нөкөрлөрү менен Адик Султанга өтө качат. Анын Адик султандан эки кызы бар эле; бирин Шейбани хандын тукумдарынын бири болгон Султанга күйөөгө, экинчисин Сейит хандын уулу Рашид Султанга берет.
Адик Султандан кийин Султан Нигар ханымды казак аймагынын ханы Касым хан алды. Казак хандары менен султандарынын ичинде бул элди Касым ханчалык эч ким моюн сундура алган эмес деп айтып жүрүшөт. Анын аскеринин саны үч жүз миңге жете турган. Касым хан каза болгондон кийин ханым Кашкарга Султан Сейит хандын кол алдына барды.
Жунус хандын балдарынын эң кенжеси – Дөөлөт Султан ханым болчу. Ташкендеги баш аламан учурда ал Шейбани хандын уулу Темир Султанга тийет, андан бир кыздуу болот. Алар Самаркандан мени менен кошо келишкен. Үч-төрт жыл алар Бадахшанда болушту да, анан Кашкарга Султан Сейит ханга өтүп кетишти. ӨмөрШайык мырзанын аялдарынын бири – Кожо Кусейин (Ходжа Хусейин) бектин кызы Улус ага болчу. Анын бир кызы болгон, бирок көкүрөгүн көтөрө электе чарчап калган эле. Ошондон бир же бир жарым жыл өтпөй Улус аганы ордодон кетирип жиберишкен. Анын дагы бир аялы – моголдордун миңбашчыларынын кызы Фатима Султан ага эле. Мырза бул Фатима Султанга башка аялдарынын баарынан мурун үйлөнгөн.
Дагы бир аялы – Кара Кыз биким боло турган. Мырза ага өмүрүнүн аягында үйлөнүп, аябай жакшы көрчү.
Мырзанын көңүлүн алыш үчүн Кара Кыз бикимдин тегин Султан Абысейит мырзанын агасы Менучихр мырзага жеткирип кошуша турган.
Өмөр-Шайык мырзанын бейнике аялдары менен ойноштору көп боло турган. Алардын бири – Үмүт Агача болчу, ал мырзадан мурун көз жумду. Өмүрүнүн аягында мырзанын могол кызы Тун Султан дегени бар болчу. Андан башка дагы Ага Султан бар эле.
Өмөр-Шайык мырзанын эмирлери
Алардын бири Кудайберди (Худай Берды) Темир таш болчу; ал Гераттын өкүмдары Акбука (Ак Буга) бектин тукумунан эле. Султан Абысейит мырза, Шахрукияны Жооку мырза камап калганда Фергананы Өмөр-Шайык мырзага берип, анын эшик агалык кызматын ушул Кудайберди Темир ташка тапшырган. Кудайберди Темир таш анда бар болгону жыйырма беш гана жашта болчу. Өзүнүн жаштыгына карабай ал түзгөн тартиби, түзүлүшү менен башкаруусу эң жакшы болчу. Ошондон бир же эки жыл өтүп, Ибрагим Бекчик Оштун айланасына басып киргенде Кудайберди Темир таш аны куугунтуктап барып, чабышып калат да жеңилип калып, ошондо набыт болот. Ошол чакта Султан Акмат мырза Самаркандын чыгышындагы он сегиз жыгач аралыкта турган Ородөбөнүн алдындагы Аккачкай деген жерде жайлоодо, Султан Абысейит мырза болсо Гераттын чыгышында он эки жыгач аралыкта жайгашкан Бабахакиде экен. Темир таштын өлүмү туурасындагы кабарды жеткирүү үчүн мырзага Абдал-Ваххаб шыгаулду (шыгаул – башкы катчы деген мансап – ред.) жөнөтүшөт, жүз жыйырма алты жыгач келген аралыкты ал төрт күндө басып өтөт.
Дагы бири Хафис Мухаммед бек Дулдай болчу, ал Кашкардык Султан Маликтин уулу Акмат Кожо бектин иниси эле. Кудайберди бектин өлүмүнөн кийин аны эшикага кылып Ферганага жиберген. Султан Абысейит мырзанын окуясынан кийин, Анжыяндын бектери менен тил табыша албаган соң Мухаммед бек кайра Самарканга өтүп Султан Акмат мырзанын кызматына кирди. Султан Акмат мырза Чир суусунун боюнда жеңилип калган күнү ал Ородөбөдө болчу, Өмөр-Шайык мырза Самарканга жүрүш жасап баратып Ородөбөгө келгенде, Мухаммед бек Ородөбөнү мырзанын кишилерине өткөрүп берип, өзү мырзанын кол алдында кызматка өткөн. Өмөр-Шайык мырза ага Анжыянды башкарууну тапшырган. Кийин Мухаммед бек Султан Мамыт ханга кетип калды. Ал ага Мырза ханды тарбиялоону тапшырып, энчисине Жолузакты (Жизакты) башкарууну берди. Мен Кабылды алганга чейин эле Мукамбет бек Меккеге сыярат кылууну чечип, ал жакка Хиндустан аркылуу жөнөйт да, жолдо баратып көз жумуп тиги дүйнөгө кете берет. Ал көп сүйлөбөгөн, эч деле өзгөчө сапаты жок момун киши эле. Башкасы Кожо Хусейин бек деген момун, адилеттүү киши болчу. Ошол учурдун шартына ылайык өткөрүлчү ичимдиктүү отуруштарда ал эң сонун ырдачу дешет.
Дагы бири – Масыт бек Шайык. Аны менин биринчи тарбиячым кылып дайындашкан. Анын кол алдында башкаруу да, тартип да эң сонун болчу. Ал Бабыр мырзага кызмат кылган. Өмөр-Шайык мырзада мындан өткөн бек жок эле. Ал бузулган ыпылас киши эле, жанына бача (напсиси бузук ыпылас адамдар өздөрүнүн пастык кумарын кандыруу үчүн үйүндө жаш балдарды кармаган – ред.) кармачу.
Дагы бири Али Масыт бек болчу, ал каучин (каучин ошол кездеги түрк уруусу, балким алакчын болушу да мүмкүн – ред.) уруусунан боло турган. Ал эки жолу, бир жолу – Аксыда, экинчи жолу – Ташкенде козголоң чыгарды. Ал эки жүздүү, жакшылыкты билбеген, бузулган, деги мазасыз киши болчу.
Дагы бири акылы кыска, бирок шатыра-шатман чапчаң Хасан Жакып (Якуб) бек боло турган. Төмөнкүдөй эки сап ыр ошого таандык: Келчи, Хума, сенсиз канбас жан кумар, Сөөгүмдү карга сүйрөп жок кылар.
Ал тартынбас баатыр эле, жааны таамай атчу, чавганды (чавган – атчан ойнолчу топ (поло) оюну – ред.) мыкты ойноп, эшек секиртмек оюнунда мыкты секирчү. Өмөр-Шайык мырза каза болгондон кийин менин ордомдогу бийлиги чексиз бектердин бири ушул бек болду. Ал сыр ачпас, жеңил, жеткен бузуку киши эле.
Дагы бир эмири Касым бек болчу. Ал каучин уруусунан Анжыяндын аскер адамдарынан чыккан теги түптүү бектерден эле. Хасан бектен кийинки менин ордомдогу таасирдүү бектердин бири ушул эле. Өмүрүнүн акырына чейин анын кадыр-баркы төмөндөгүдөй жогорулоонун үстүндө болду.
Бул эң кайраттуу киши болчу. Бир жолу Касандын чөйрөсүнө душман басып киргенде ал өзүбектердин артынан кубалап барып аябай талкалап келген. Ал Өмөр-Шайык мырзанын катарында жүрүп кылычташкан. Жазы-Кижиттин жанындагы кармашта да ал жакшы салгылашкан. Бийликсиз качкын кезде мен тоолу Масчадан Султан Мамыт ханга бет алганымда бек мени менен коштошуп Күсүр (Хусрау) шаага кеткен эле. Тогуз жүз онунчу (1505) жылы Күсүр шааны колго түшүрүп, Кабылда Мукимди камап калганымда Касым бек кайрадан менин кызматыма өттү, мен ага мурункудай эле жакшылык кылып ак көңүлдөн тосуп алдым. Дара-и Хушта түркмөн хазарларына жүрүш жасаганда карылыгына карабай Касым бек өзүн жаштардан мыкты алып жүрдү, ошон үчүн мен ага Бангаш аймагын энчилеп бергем. Кийин, Кабылга келгенимде, мен аны Хумаюндун тарбиячысы кылып дайындадым. Мен Замир-Даверди алганда Касым бек жарык дүйнө менен коштошуп о дүйнөгө кете берди.
Касым бек кудай деген, адилет мусулман эле, күдүктүү тамак-ашка сугун арта берчү эмес. Анын айткан акыл насааты менен берген буйруктары дайыма орундуу болчу. Ал шакабаны көп айта турган, өзү сабатсыз болгону менен айткан куйкум сөздөрү дайыма орду менен чыкчу.
Башка эмири Бабаалы (Баба Али) бектин уулу Бабакул (Баба Кули) болчу, ал Шайык Аалы Баатырдын (Али Бахадурдун) тукумунан боло турган. Шайык Масыт бек өлгөндөн кийин аны мага тарбиячы кылышкан. Султан Акмат мырза Анжыянга жүрүш кылганда Бабакул Султан
Акмат мырзага келип ага Ородөбөнү өткөрүп берген. Султан Мамыт мырза өлгөндөн кийин ал Самаркандан мени беттеп качып чыккан эле, Оро-Дөбөдөн Султаналы (Султан Али) мырза алдын тосо чыгып чабыша кетип жеңет да өлтүрүп коёт. Анын учурунда башкаруу да, жабдуу да жакшы болчу, ал өзүнүн нөкөрлөрүн эч нерседен кем кылбай мыкты кармай турган. Бабакул динсиз капыр жандай кудайга сыйынып, орозо кармабаган катаал киши болчу.
Дагы бири Сагаричи (саруу) уруусунун беги, менин энем Исан Дөөлөт бикимдин тууганы Али Дос Тагай эле. Мен ага Өмөр-Шайык мырзанын көзүнүн тирүүсүндөгүсүнөн да жакшы мамиле кылып жакшылык көрсөттүм. Анын колунан бир топ иш келет деп айтышчу, бирок менин жанымда жүргөн бир нече жылдын ичинде ал эске алып сөз кыла турган бир да иш көрсөткөн жок. Султан Абысейит мырзада кызмат кылып жүргөндө ал «жаа» ташы менен жамгыр жаадырчумун деп далалат кылып жүргөн дешет. Ал куш таптаар мүнүшкөр эле, аябаган сараң, акылсыз, эки жүздүү, тынч жүрбөгөн дүрбөл өңчү, кылык-жоруктары жаман кекирейген орой, мерез киши болчу.
Дагы башкасы самаркандын Тугчи уруусунан Ваис Лагари деген болчу. Өмөр-Шайык мырзанын өмүрүнүн акыркы жылдарында ал мырзага өтө жакын болуп кеткен. Качкын заманда Ваис Лагари менин жанымда болду. Анын акыл-насааты менен буйруктары жакшы болчу, бирок ал чыр-чатакка жакын неме эле.
Дагы бир эмири Али Достун иниси Миркыяс (Мир Гияс) Тагай эле. Абысейит мырзанын ордосунда могол мырзаларынын ичинен мындан жогору өткөнү болгон жок; Султан Абысейит мырзанын төрт бурчтуу мөөрү Миркыяс Тагайдын колунда боло турган. Өмөр-Шайык мырзанын акыркы күндөрүндө Мир Кыяс Тагай ага өтө жакын болуп кетти. Ал Ваис Лагари менен мамилеси жакшы дос эле. Касанды Султан Мамыт ханга бергенден баштап өмүрүнүн аягына чейин ал хандын кызматында болду, хан ага аябагандай зор камкордук кылчу. Ал күлкүсү тыйылбаган тамашакөй неме эле, шойку-бузуктукка келгенде ал тартынууну билчү эмес.
Дагы бир эмири Али Дербиш эле. Ал хорасандык боло турган. Султан Абысейиттин тушунда ал хорасандык жигиттердин тобунда кызмат кылчу. Хорасан менен Самаркан кол алдына тийгенде Султан Абысейит мырза ушул эки шаардын аскер ишине жарактуу жаштарынан эки өзгөчө топту түзгөн, аларды «хорасандык азаматтардын тобу», «самаркандык азаматтардын тобу» деп аташчу. Менин ордомдо Али Дербиш өзүн жакшы алып жүрдү.
Ал кайраттуу киши болчу, насталик жазуусу менен жакшы жаза турган. Али Дербиштин сөзүнөн кошоматчылык сезилип, табийгатында пастык басымдуулук кылчу.
Дагы бир атбагардан чыккан могол Камбаралы (Камбар Али) болчу. Анын атасы Фергана аймагына келгенде бир топко касапчылык кылган, ошон үчүн аны Камбаралы касапчы (Камбар-Али-и Саллах) деп да коюшчу.
Ал Жунус ханда колго суу куйгуч болуп кызмат кылчу, кийин бек болуп калган, менде да ал чоң ырайымга ээ болуп жүрдү. Бир ишти баштаарда ал аябай ынтаа менен киришчү, бирок чыныгы ишке келгенде тарткынчыктап коркоктук кылчу. Ал маанисиз көп сүйлөгөн тантык неме болчу, ким көп сүйлөсө ишинде маани жок экени белгилүү эмеспи. Чыдамы жок, акылы тайкы киши эле.
Өмөр-Шайык мырза алигидей кокустукка учураганда, мен Анжыяндагы чарбакта элем. Бул кабар Анжыянга Кулжа айынын бешинде шейшемби күнү жетти. Мен шашылыш аттанып, кол алдымдагы кызматкерлерим менен нөкөрлөрүмдү гана ээрчитип сепилди көздөй бет алдым. Мен мырзанын дарбазасынын жанына келгенимде, Ширим Тагай менин атымды тизгиндеп Намазгах тарапка алып жөнөдү. Ал кокус улуу өкүмдар Султан Акмат мырза көп сандаган кол менен келип калчу болсо, бектер мени да, Фергананы да ага кармата беришет деп ойлоптур. Ошон үчүн мени тоо таянтып, Өзгөн тарапка алып кетүү керек деген экен. Фергананы беришкен күндө да мени душмандын колуна түшпөй таякелерим Алача ханга же Султан Мамыт ханга өтүп кетсин деген тура.
Сепилдеги Султан Акмат Казынын уулу ал энеси жактан Шайык Бурханаддин Кылычтын тукуму боло турган, Кожо Маулан Казы (ал өз ата-тегин Султан Илек Маздан баштачу, бул үй-бүлөнүн адамдары Фергана өрөөнүндө бардык эл үчүн баш калкалар жай эле, исламдын чыныгы жолуна салчулар ушулар боло турган, алар туурасында дагы далай жолу сөз болот) жана башка сепилдеги бектер бул туурасында угушкан соң Өмөр-Шайык мырзанын карыган кызматкерлеринин бири, анын кыздарынын биринин тарбиячысы Кожо Мукамбет Дарзыны бизге чаптырышыптыр. Ал биздин кооптонуубуздун негизи жок экенин бектерге түшүндүрдү, биз Намазгахга жете бергенде менин тизгинимди кайра артыбызга бурду. Мен капкадан өтүп аттан түштүм. Кожо Маулан Казы менен бектер менин алдыма келишип, кеңешип отурушуп бир жыйынтыкка келишти да сепилдин мунара менен тосмолорун тартипке келтирип, коргонууну бекемдөөгө киришишти.
Султан Акмат мырза Ородөбө, Хожент, Маргалаңды алып Анжыяндан төрт жыгач аралыктагы Кубага келип токтоду. Ушул учурда Дербиш Гаң деген анжыяндык төрөлөрдүн бири оруну жок айткан сөзү үчүн жазага тартылды. Ушундай жазадан кийин элдин баары тынчып калды.
Кожо (Маулан) Казы менен Кожо Кусейиндин бир тууганы Узун Хасанды мен (Султан Акмат мырзага) элчиге жиберип, ага: «Бул аймакка өзүңдүн кызматкерлериңдин бирин коюшуң керек. Мен сиздин кызматкериңиз да, уулуңуз да болом; эгер бул кызматты мага тапшырсаңар, анда эң сонун жана эң жеңил чечимге келген болор элеңер» – деген сөздөрдү айтууну тапшырдым.
Султан Акмат мырза көп сүйлөбөгөн, жөнөкөй жана бош киши эле, бектерсиз анын эч бир сөзү, иши же келишими ишке ашчу эмес. Бектер менин сөзүмдү угушпай орой жооп беришиптир да жүрүшүн улантышыптыр. Бирок дайыма менин бардык ишимди өз каалоосуна жараша бүтүрүп келген кудурети күчтүү кудайым, бул жолу да мени эки буттуу айбандарына жалдыратпастан өзүнүн бир нече ишин жасап коюптур. Ошондон улам душмандар бул жүрүштөн оордой баштаган экен. А түгүл алар бул жүрүштү баштагандарына кейишип, ийгиликтин четин да көрүшпөй артка тартышты.
Баарынан мурда, Кубада көпүрө менен гана өтө ала турган саздактуу суу бар. Жайнаган кошун келип, адамдар көпүрөнүн үстүндө опур-топур болуп үймөлөкт өшкөндө, сууга кулап көптөгөн аттар менен төөлөр кырылыптыр. Мындан үч-төрт жыл мурун Султан Акмат мырзанын аскерлери кудум ушундай болуп Чир суусунун көпүрөсүнөн өтүп жатышып жеңилишке учурашкан эле. Бул жолку окуя мына ошондогу иштерди эсине салып, жоокерлердин жүрөгүнүн үшүн алыптыр. Дагы: ошол учурда аттарга чоң өлөт тийип, топ-тобу менен кырыла баштаган экен.
Дагы: душмандар биздин аскерлер менен кол алдыбыздагы адамдарыбыздын денесинде жаны менен колунда каруусу турганда беттегендеринен кайтышпай бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, жапатырмак турушкандыктарын көрүшөт.
Мына ушулардан улам душмандар аргасыз Анжыянга бир жыгач аралык калганда Дербиш Мухаммед тарханды элчиге жиберишет. Сепилден Хасан Жакып чыкты, элчилер Намазгахтын жанында жолугушуп, тынчтык шартнамасы сыяктуу бир нерсеге жетишишти да, ар кимиси өз жактарына кайтып кетишти.
Хожент суусунун түндүк жээгин бойлоп (мурун эскертилгендей) Султан Мамыт хан жүрүш жасап келаткан. Ал ошол бойдон Аксыга жетип аны камап калат. Жээңгер (Джехангир) мырза ошондо эле. Бектердин ичинен Аксыда Аалы (Али) Дербиш бек, Мырзакул (Мырза Кули) эмчектеш, Мукамбет Бакир бек жана Шайык Абдаллах эшик агалар бар эле; Ваис Лагари менен Миркыяс Тагай да башында ошол жерде болчу. Бектерден шек санашып алар Ваис Лагари турган аймак Касанга кетип калышат. Ваис Лагари Насыр мырзанын тарбиячысы болчу, ушул себептүү Насыр мырза Касанда эле. Султан Мамыт мырза Аксынын айланасына жеткенде бул бектер ханга баш ийип беришет да Касанды берип коюшат. Миркыяс хандын кызматында калат. Ваис Лагари Насыр мырзаны Султан Акмат мырзага жеткирет, мураскорду Мукамбет Мамыт тарханга тапшырышат.
Хан Аксыга жакын келип, бир нече жолу согуш баштап, бирок эч натыйжа чыгара албайт. Аксыда турушкан бектер менен жоокерлер мыкты каршылык көрсөтүшөт. Ошол кезде Султан Мамыт хан күтүлбөгөн жерден ооруп калат; анын үстүнө согушту баштаарын баштап алып, ал андан жадап жүргөн эле. Ошон үчүн ал өз аймагына кайтып кетет.
Кашкардагы Абакир (Абу Бекр) Дуулат эч кимге көз каранды болбой бир нече жылдан бери Кашкар менен Котонду өзүнчө бийлеп турган. Башка жерлерди басып алууга кызыккан неме Өзгөнгө жакын келип, чеп куруп алат да ошол аймакты тоной баштайт; Кожо Казы менен калган бектердин баары жүрүшкө аттанышууга буйрук алышып, Кашкардык Абакирди кууп чыгууга бет алышат. Алар жакын келгенде Кашкардык бул кошунга чамасы келбесин көрөт. Кожо Казыны ортого салып, ал жүздөгөн амалдарды жана куулуктарды колдонуп жатып кутулуп кетет.
Ушул чоң окуялар болуп жатканда Өмөр-Шайык мырзадан калган бектер менен жоокерлер ынтымакка келишип, чоң ынтаа менен аракет жасашат. Мырзанын энеси Султан биким, Жээнгер мырза, гаремдеги аялдар менен бектер болуп Аксыдан Анжыянга келишет да, өлүк ызаатын кылышып, бей-бечараларга кийим-кече, тамак-аш таратышат. Ушул сыяктуу өлүк милдеттеринен кутулган соң мен башка иштерди жолго салып, аскер менен өлкөнү тартипке келтирип чыңдоого кириштим. Анжыянга бийлик кылууну жана эшик-агалык наамды Хасан Жакыпка бердим. Ошту Касым Каучинге тапшырдым, Аксы менен Маргалаң Узун Хасан Али Дос Тагайга тийди. Өмөр-Шайык мырзанын башка эмирлери менен бектерине да чоң ырайым көрсөтүлүп, ар кимисине өз орундарына жараша – аймактар, жерлер, мансаптар, даража менен майнаптар бөлүнүп берилди.
Султан Акмат мырза кайра кайтып баратканда, эки же үч жолку тыныгуудан кийин денесин башкара албай тынчы кетип далбастай баштайт. Аябагандай катуу безгекке урунат да, Ородөбөнүн жанындагы Аксуу деген жерге жеткенде, кырк төрт жашында, сегиз жүз токсон тогузунчу (1494) жылы теке айынын ортосунда жарык дүйнө менен коштошот.
Султан Акмат мырзанын төрөлүшү жана ата-теги
Ал сегиз жүз элүү бешинчи (1448) жылы төрөлгөн, ал Султан Абысейит мырза такка отурган жыл эле. Султан Абысейит мырзанын уулдарынын туну ушул болчу. Анын энеси Ордо (Урда) Бука тархандын кызы, Дербиш Мухамбеттин эжеси, Мырзанын эң ардактуу аялы болгон.
Сырткы сыны жана сапаттары
Ал узун бойлуу, куйкум-кара сакалдуу, кызыл жүздүү толук киши болчу. Сакалы ээгинде гана боло турган, эки жаагында тең түгү жок эле. Ал эң сонун сөзмөр аңгемечи болчу, селдесин ошол учурдун расмисине жараша төрт айланта ороп, бир учун алдына, кашынын үстүнө түшүрүп коё турган.
Кулк-мүнөзү жана кылык-жоруктары
Султан Акмат мырза ишеними боюнча ханифит келип, таза диндүү киши эле, беш убакы намазын бузчу эмес, а түгүл ичимдик ичилип жаткан учурда да намазын каза кылчу эмес. Ал ардактуу Кожо Убайт Аллахтын муруту эле, ардактуу Кожо ага дайыма камкордук кылып колдоп турчу. Султан Акмат мырза аябагандай сыпаа киши эле, өзгөчө Кожо барда, Кожо өткөргөн жыйындарда ал тизесин бир да жолу козгочу эмес деп айтып жүрүшөт. Бир жолу ал ардактуу Кожонун чөйрөсүндө отурганда адаттан тышкары бутун тартпай отурган экен. Акмат мырза туруп кеткенде, ардактуу Кожо Мырза отурган жерди карап чыкканга буйруптур. Көрсө ошол жерде сөөк жаткан экен.
Султан Акмат мырза эч нерсе окучу эмес, сабатсыз киши болчу. Ал шаарда өскөнү менен эң эле жөнөкөй жана копол неме эле, өзгөчөлөнгөн жөндөмү да жок боло турган. Ал эң адилет адам болчу, ардактуу Кожо дайыма ага көз салып турар эле. Көпчүлүк чоң иштерди ал учурдун заңына жараша чече турган, берген убадасы менен айткан сөзүн дайыма бузбай так аткарчу. Өзү чыныгы кармашууга катышпаганы менен тартынбаган кайраттуу адам болчу, кээ бир чабыштарда ал чыныгы баатырдыкты көрсөткөн деп да айтып жүрүшөт. Ал жаадан эң таамай атар эле, куйруктуу жана куйруксуз жебе менен учуп бараткан өрдөктү атып түшүрчү. Ат ойнотуп машыкчу аянттан чаап өтүп баратып машаага койгон ашкабакты көпчүлүк учурда кулата дал чапчу. Өмүрүнүн аягында өзү оор тартып калган учурда да кыргоол менен бөдөнөлөрдү чокмор менен таамай чаап алчу, чанда жаза кетире турган.
Ал куш салганды аябай жакшы көрө турган, куштарды көп салчу, мүнүшкөрдүгү мыкты эле. Мырза Улукбектен кийин мынчалык мыкты мүнүшкөр-өкүмдар болгон жок.
Ал абдан уялчаак эле. Өзүнүн туугандары, жакындары менен жалгыз калганда да бутун жашырып кымтыланып отурар эле деп калышат. Кээде ал ичимдик ичүүнү баштап алып жыйырма-отуз күн катар иче турган; кээде жыйырма-отуз күн катар колуна шарап куюлган пияланы кармачу эмес. Кээде дасторконго бир отурганда, ошол бойдон күнү-түнү бою козголбой отуруп калар эле. Ал жакшы иче турган, а ичкилик оозунан калган күндөрү козутуучу дары-дармектерди көп жей турган.
Ал жаратылышынан сараң болчу: көп сүйлөбөгөн жумшак киши эле; анын эрки бектердин колунда боло турган.
Султан Акмат мырзанын согуштары
Ал төрт салгылашууну башынан кечирди. Ал биринчи жолу Заминдин чөйрөсүндөгү Акыртүз деген жерде айык Жамал Аргындын иниси Намат Аргын менен согушуп, аны жеңди. Экинчи жолу Хавастын алдында Өмөр-Шайык мырза менен чабышып, аны да жеңген. Үчүнчү жолу Ташкендин жанындагы Чир суусунун боюнда Султан Мамыт хан менен кармашты, чындыгында кармаш деле болгон жок, моголдордун бир нече атчандары Султан Акмат мырзанын кошунунун артынан жете келишет да, кошунду ээрчий келаткан жүктүү кирени басып калышат; коркконго кош көрүнөт болуп ушунчалык көп аскерлер кармашпай туруп баш аламан качып беришет; жоокерлердин кыйласы Чир суусуна чөгүп өлүшөт.
Дагы бир жолу Султан Акмат мырза Жаржайлактын жанында Хайдар эмчектеш менен кармашып аны жеңген. Султан Акмат мырзага караган жерлер
Султан Акмат мырзага караган жерлер өз атасы энчилеп берген Самаркан менен Бухар болчу. Шайык Жамал Абдал-Куддустун колунан каза тапкандан кийин ал Ташкен, Шахрухия жана Сайрамды тартып алды. Бир топко бул шаарлар анын кол алдында болду, кийин ал Ташкен менен Сайрамды өзүнүн иниси Өмөр-Шайык мырзага берген; Хожент менен Ородөбө да бир азга Султан Акмат мырзага карап турган.
Султан Акмат мырзанын балдары
Анын эки уулу болуп, алар эмчекте кездеринде эле чарчап калышкан, андан башка беш кызы бар эле, алардын төртөө Катак бикимдин кыздары боло турган.
Кыздардын туну, Кара Кыз биким деп коюшчу, Рабна Султан биким боло турган. Султан Акмат мырза көзүнүн тир үүсүн дө эле аны Султан Мамыт ханга күйөөгө берген. Хандан ал Баба-хан деген уул көргөн, эң сонун бала болчу.
Өзүбектер (бул жерде да Дашт-и-Кыпчак талаасынын көчмөндөрүн айтып жатат – ред.) Хожентте Хандын көзүн тазалашканда, алар өзүндөй бир нече өспүрүмдөр менен кошо Баба ханды да өлтүрүшкөн. Султан Мамыт хандын көзү өткөндөн кийин Рабна Султан бикимге Жаныбек Султан үйлөндү.
Султан Акмат мырзанын экинчи кызы Салиха Султан биким эле, аны Ак биким деп да коюшчу. Султан Акмат мырза өлгөндөн кийин Султан Мамыт мырза чоң той-тамаша өткөрүп аны тун уулу Султан Масыт (Масуд) мырзага алып берген. Кийин Салиха Султан биким, Шаа биким, Микр Нигар ханымдар менен бирге Кашкарда туруп калышты.
Үчүнчү кызы – Айша Султан биким эле. Мен беш жашар кезимде Самарканга келгенде аны мага колукту болот деп ыйгарып жүрүшкөн. Кийин баш аламан качкын кезде ал Хожентке келип калды, ага мен ушул жерден үйлөндүм. Мен Самаркандды экинчи жолу алганда ал кыз төрөгөн эле, бирок бир нече күндөн кийин эле ымыркай көз жумган. Ташкендеги баш аламандыктан мурда эле Айша Султан биким өз энесинин сөзүнө кирип менден кетип калган.
Анын төртүнчү кызы Султаним биким болчу. Ага Султаналы Мырза үйлөнгөн, андан кийин аны Темир Султан, эң акырында Махди Султан алган.
Анын эң кенже кызы Масума Султан биким эле. Анын энеси аргын уругунан чыккан, Султан Аргындын бир тууганынын кызы, Хабиба Султан биким болгон. Хорасанга келгенимде мен аны көрүп жактырып калдым да, куда түшүп, Кабылга алып келип үйлөнүп алдым. Биз кыздуу болдук, төрөт оор болуп, Масума Султан биким ошондо көз жумуп теңирдин кайтпас жолуна кетти. Кызды энесинин ысмы менен атадык.
Султан Акмат мырзанын зайыптары жана бейнике аялдары
Аялдарынын эң алгачкы Султан Абысейит мырза ага кудалап сөйкө салып койгон Михр Нигар ханым эле. Ал Жупус хандын тун кызы, менин энемдин жатындаш эжеси боло турган. Дагы бири тархандардын тукумунан келип, атын Тархан биким дечү. Дагы бири эле Тархан бикимдин эмчектеш сиңдиси Катак биким эле. Султан Акмат мырза ага өзү ашык болуп калып, аны аябай жакшы көрө турган. Катак бикимдин бийлиги өтө зор эле, ал шарап да иче бере турган. Ал тирүү кезде Султан Акмат мырза башка аялдарына басып барчу эмес. Акырында ал аны өлтүрүп тынып, өзүнө жармашкан уяттан араң кутулган.
Анын дагы башка аялы термездик ханзадалардын тукумунан чыккан Ханзада биким эле. Мен беш жашар кезимде Самарканга, Султан Акмат мырзага келгенимде, ал бул аялына жаңы эле үйлөнгөн экен, али бет чүмбөтүн түшүрө элек учуру болчу. Түрктөрдүн расмиси боюнча анын бетин ачууну мага тапшырышкан.
Анын дагы бир аялы Акмат Кожо бектин Латифа балким аттуу небереси боло турган. Мырзанын көзү өткөндөн кийин аны Хамза Султан алып, Хамзадан ал үч уул көргөн. Мен Хамза Султан менен Темир Султан башында турган султандарды талкалап Кысарды алганымда хандын ушул мураскорлору жана башка султандардын уулдары менин колума түшүп калды. Мен алардын баарын азат кылып коё бердим.
Дагы бир аялы Султан Аргындын жээни Хабиба Султан биким болчу.
Султан Акмат мырзанын эмирлери
Жаныбек Дулдай Кашкардык Султан Маликтин иниси боло турган. Султан Абысейит мырза ага Самаркандды башкарууну тапшырган, а Султан Акмат мырза болсо аны өзүнө эшик-ага кылып шайлады. Жаныбек Дулдай мүнөзү менен жүрүш-турушу ойго келбегендей татаал адам болгон, ал туурасында таң каларлык окуяларды айтып жүрүшөт, алардын бири мына бул. Ал Самарканды башкарып турган учурда өзүбектерден элчи келип калат, өзүбектердин ичинде бул адам өзүнүн күчтүүлүгү менен атагы чыккан экен. Өзүбектер күчтүү адамды «бука» деп айтышат дешет. Жаныбек андан: «Сен – букасыңбы? Чын эле бука болсоң, анда кел күрөшөлү», – дейт. Элчи канчалык шылтоолоп качса да ал ач кенедей жармашып алат. Акыры алар күрөшүшүп, Жаныбек жыгып алат. Кайраттуу адам болгон! Башка эмири Кашкардык Султан Маликтин уулу
Акмат Кожо бек болчу. Султан Абысейит бир нече жолу ага Гератты башкарууну тапшырган. Агасы Жаныбек көз жумгандан кийин Султан ага ошонун мансабын ыйгарып берип, аны Самарканга жөнөткөн. Бул өзү шатыра-шатман келген шаныр жана баатыр киши эле. Ал Вафаи деген жашырын адабий ысым алган, ырлар жыйнактын автору болчу. Анын ырлары дурус чыкчу. Төмөнкү ыр ошого таандык: Оо, муктасиб, масмын, бүгүн келбечи, Соо кезимде жазалай бер сен мени.
Гераттан Самарканга келгенде Мир Алишер Навои да ушул Акмат Кожо бектин паанасына токтогон, Султан Кусейин мырза өкүмдар болгондон кийин ал ага келип андан аябагандай зор жакшылыктарды көрдү. Акмат Кожо бек асыл тукум аттарды кармай турган жана эң мыкты чабандес эле. Бул аттардын көбү колдо өстүрүлгөн аттар боло турган. Ал кайраттуу баатыр киши болгону менен, анын кол башчылыгы баатырдыгына төп келчү эмес. Ал алаңгазар кенебес адам болчу, анын иштерин кызматкерлери менен нөкөрлөрү бүткөрө берчү.
Байсункар мырза Букарда Султанаалы мырза менен чабышып жеңилип калганда Акмат Кожо бек душман колунда туткунда калат. Ага Дербиш Мукамбет тархандын канын төккөнсүң деп күнөө коюшуп, абийирин кетирип өлтүрүшкөн.
Башка эмирлеринин бири Дербиш Мукамбет тархан эле. Ал Урду Бука тархандын уулу болчу. Султан Акмат мырза менен Султан Мамыт мырзалардын бир тууган таякеси болгон. Мырзанын кол алдындагы бектердин эң жогоркусу да, салмактуусу да ушул боло турган. Ал чыныгы мусулман болчу, мүнөзү жумшак чыныгы дербиш эле. Ал дайыма Куранды көчүрүп жазып, чатырашты (шахматты) көп да, жакшы да ойночу, алгыр куштардын табын жакшы биле турган, шумкарларды мыкты салчу. Акырында Байсункар мырза менен Султанаалы мырзанын ортосундагы кагылышууда, атак-даңкы ашып ташып турган учурда жаманатты болуп көз жумду.
Башка эмири Дербиш Мукамбет тархандын жакын кудасы Абдал-Али тархан болчу. Анын кичүү карындашы Дербиш Мукамбет тархандын аялы. Баки тархандын энеси боло турган.
Дербиш Мукамбет тархан мансабы, салмагы боюнча да Абдал-Али тархандан жогору турган менен, бул аны эч сезбегендей мамиле кыла турган. Бир нече жылы Букарды башкаруу анын колунда болду, нөкөрлөрүнүн саны үч миңге жетти, нөкөрлөрүнө ал зор камкордук көрүп жакшы бакчу. Анын белектери, бир жакка барышы же кабыл алышы, дасторконунун кенендиги менен конок алышы хандан кем болбой турган. Ал кыңк дедирбес катаал, таш боор, жүрүш-турушу бузук ана кекирейме киши эле.
Шейбани хан ага нөкөр болбогону менен, бирок бир нече жолу анын кызматында болгон, а калган көптөгөн Шейбаниддерден чыккан Султандар, кичинеси да, чоңу да – баары анын нөкөрлөрү болушкан. Шейбани хандын ушунчалык көтөрүлүп кетиши менен көптөгөн хан үйлөрүнүн кулашынын себепчиси мына ушул Абдал-Али тархан болду.
Башка эмири Сейит Жусуп улакчы эле. Анын чоң атасы моголдордон келген деп жүрүшөт, анын атасын мырза Улукбек жакшы көрө турган. Сейит Жусуптун акыл-насааты да, буйруктары да эң орундуу чыгар эле, кайраттан да куру эмес болчу. Ал комузда жакшы ойночу.
Мен Кабылга биринчи келгенде Сейит Жусуп жанымда болчу. Мен ага аябай көңүл бурчумун, чын эле ал ошого татыктуу адам эле! Менин кошуунум биринчи жолу Хиндустанга аттанганда, мен аны Кабылга калтырып кеткем. Ушул жерден ал кайтпаска жүзүн буруп о дүйнө өтүп кетиптир.
Дагы башка Эмири Темир бек өзү дайыма колдоп келген Айгу Темир бектин тукуму Дербиш бек эле. Ал ардактуу Кожо Убайт Аллахтын муруту, музыка туурасындагы илимден кыйла кабардар болчу, өзү да Сазда ойноор эле. Ыр жаратканга да жөндөмү бар болчу. Султан Акмат мырза Чир суусунун боюндагы кармашта жеңилип калганда Дербиш бек сууга чөгүп каза болгон.
Башка эмири Дербиш Мукамбет тархандын жатындаш бир тууган иниси Мухамбет Мазит тархан боло турган. Бир нече жыл ал Түркстанды башкарып турду; Шейбани хан Түркстанды дал ошондон тартып алган. Анын ой-пикири менен буйруктары жакшы боло турган, бирок ал уятсыз жана бузулган неме эле.
Мен экинчи жана үчүнчү да жолу Самарканды алганда ал мага келген болчу, мен ага аябай көңүл буруп кабыл алгам. Ал Кул-Маликтин жанындагы салгылашууда курман болду.
Дагы башка эмири Абдал-Али тархандын уулу Султан Акмат мырзанын өзүнүн аталаш тууганы Баки тархан эле. Атасынын көзү өткөндөн кийин Букарды ошого беришкен. Султан Акмат мырзанын учурунда ал аябай көтөрүлдү. Анын нөкөрлөрү беш-алты миңге жетип, Султан Акмат мырзага моюн толгоп анча баш ийип уга берчү эмес. Дабуси сепилинин жанында ал Шейбани хан менен салгылашып, быт-чыты чыгып талкаланып калды, ушул жеңиштен кийин Шейбани хан Букарга жүрүш жасап, аны алууга жетишти.
Баки тархан куш салганды өтө жакшы көрчү, анын жети жүз алгыр кушу болгон деп айтып жүрүшөт. Анын оозго алып кеп салар сапаты же өзгөчө касиети жок болчу. Ал даңк менен байлыкка оронуп чоңойду. Өз атасы Шейбани ханга көп жакшылык кылгандыктан Баки тархан анын кол алдына өзү барды. Бирок жакшылыкты билбеген ич дүйнөсү тар неме ага эч кандай көңүл буруп жакшылык кылган жок. Ошондон кийин Баки тархан басынып жана чүнчүп жүрүп Аксы аймагында бул дүйнөдөн көз жумду.
Башка эмири Султан Кусейин Аргын боло турган. Ал бир азга Каракөлдү бийлеп калган, ошондон улам аны Султан Кусейин Каракули (Кара-Көлдүк) деп да атап коюшчу. Анын айткан пикирлери менен буйруктары орундуу эле, алдымда ал көпкө кызмат кылды.
Дагы башка эмири Кулмукамбет Буудай болчу. Ал каучин уруусунан боло турган, кайраттуу баатыр адам эле деп айтып калышат.
Башка дагы бир эмири Абдал-Карим Ишрит эле. Ал уйгур боло турган. Султан Акмат мырзада эшик-ага болчу. Бул абдан жоомарт жана кайраттуу адам болчу.
Султан Акмат мырзанын көзү өткөндөн кийин бектер өз ара кепке келишип, тоону ашырып чабарман чаптырышып Султан Мамыт мырзаны чакырышыптыр. Султан Абысейит мырзанын агасы Менучихр уулу Малик Мукамбет мырза да бийликти көксөп айланасына бир нече селсаяктар менен бекерпосторду топтоп алып турган туругун таштап Самарканга келиптир. Анын колунан эч нерсе келген жок, болгону – өзүнүн жана дагы бир нече күнөөсүз мураскорлордун кандарынын төгүлүшүнө себепкер болду.
Бул туурасындагы кабар Султан Мамыт мырзага жетер замат ал токтолбостон Самарканга аттанып, эч кандай кыйтың-куйтуңу жок эле такка опоңой отуруп калды.
Султан Мамыт мырзанын айрым иштери үчүн караламан жана белдүү жоокерлер менен дыйкандар аны жек көрүп, көргүлөрү келбей калышты. Ал иштердин бири бул: жогоруда айтылган өз таякесинин уулу жана өзүнүн күйөө баласы Малик Мукамбет мырза менен кошо дагы төрт мырзаны ал Көк-Сарайга жөнөттү да, экөөн өлтүрүп, экөөн, Малик Мукамбет мырза менен дагы бир мырзаны, азапка салып тирүү калтырды. Чындыгына келгенде алардын айрымдары үчүн падышалык мансап ойго келбеген иш эле, алардын бул иш ойлорунда да жок болчу; болсо Малик Мукамбет мырзада бир аз күнөө бардыр, а башкаларынын кымындай да күнөөлөрү жок эле.
Дагы бир кырдаал – анын учурундагы түзүлүш менен тартип абдан жакшы болгону, ордонун ишин жакшы башкарып, эсеп-кысап илимин мыкты билгени менен, анын өз жаратылышы зомбулук менен бузукулукка жакын эле. Самарканга келери менен эле ал жаңы эреже менен тартиптерди, милдеттер менен салыктарды киргизди. Ардактуу Кожо Убайт Аллах менен байланышып, анын канатына корголоп мурун айрым милдеттер менен салыктардан бошоп келишкен адамдар, алардын көбү кедей-кембагалдар боло турган, эми кысымчылык менен зомбулукка дуушар болушту. Мындай кысымчылык менен зомбулук Кожонун өз урук-тукумуна да жетти.
Дагы бир кырдаал мына бул болду: өзү кандай таш боор жана бузук болсо, анын чоң, кичине бектери да, нөкөрлөрү менен кызматчылары да – баары ошондой мерез жана бузуку болушту. Кысардын адамдары, айрыкча Күсүр (Хусрау) шаа менен байланышкан кишилер дайыма ичимдик ичишип бузукулукка берилип кетишти. Бир жолу Күсүр шаанын нөкөрлөрүнүн бири бирөөнүн аялын зордоп тартып кетет, ал аялдын күйөөсү Күсүр шаага даттанып келиптир. Анда ал: «Бул аял сени менен бир нече жыл жатыптыр, эми муну менен бир нече күн жатсын да» деген экен.
Дагы ушундай кырдаалдын бири – шаардыктар менен соо дагерлердин, а түгүл түрктөр менен аскер адамдарынын ээктерине түк чыга элек боз балдары бачалыкка алып кетет деп коркушуп үйлөрүнөн чыгышпай калышы болду. Султан Акмат мырзанын учурунда, ардактуу Кожонун колдоосу менен баары жетиштүү бейпил турмушта, дайыма акыйкаттык менен заңдын чегинде жыйырма беш жылы катар жашап келишкен Самаркандын тургундары мындай зомбулук менен бузукулукка аябай кор болушуп, ызаланышат. Малайы менен байы да, кедейи менен кембагалы да – баары колдорун көккө жайышып, мырзага каргыш айтышып, кырсык тилешет.
Козгой көрбө үстү каткан жараны, А козгосоң жардым дей бер сен аны.
Колдон келсе так салбагын жүрөккө, Маалым, демден дүйнө урап калаары.
Эмнеси болсо да Султан Мамыт мырза өзүнүн каргашалуу таш боордугу менен бузукулугунан улам Самарканды беш-алты айдан ашык башкара алган жок.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Захириддин Мухаммед Бабур Орто Азия элдеринин маданий жана адабий тарыхында өзгөчө орунга ээ. Ал жалаң гана мамлекеттик зор ишмер, колбашчы болбостон, бирден-бир мыкты тарыхчы, эң сонун акын жана таланттуу жазуучу-сүрөткер болгон. Өз учурунда анын поэзиясы замандашы жана жердеши Улуу Алишер Навои менен катар бааланган. Захириддин Бабур – орто кылымдагы адабий асманыбыздын эң жарык жылдыздарынын бири.
Фергана чөлкөмүнүн өкүмдары Өмөр-Шайыктын тун уулу Захириддин Мухаммед Бабур 1483-жылы бирдин айынын (февраль) 14 жаңырышында Аксыда төрөлгөн.
Атасы Өмөр-Шайык Аксыда кептерканасы менен кошо кулап каза болгон соң, он эки жашында (1494-жылы) такка отурган Бабур алгачкы күндөн баштап эле колуна курал алып өз аймагын, өз бийлигин талашкандардан, эң алды атасынын агасы Султан Акматтан (Султан Ахмад), анан өз иниси Жээңгерден (Джахангир) коргоого аргасыз болду. Бул Бабурдун Анжыян үчүн болгон узакка созулган күрөшүнүн башталышы болчу. Түпкү чоң атасы Аксак Темир Көрөгөндүн чачырап кеткен мамлекетин кайра калыбына келтирүү максатында ал өзү да далай жолу Самарканга жүрүшкө аттанып турган.
Он бешинчи кылымдын акырында өз ара талаш-тартыштар аяккы чегине жетип, Самаркандын, Букардын, Ташкендин, Анжыяндын, Кысардын, Кабылдын феодалдык өкүмдарынын бийлик үчүн болгон тынымсыз күрөшү жалпы караламан элге оор түйшүк алып келди. Чама келбеген оор салыктардан кара таман кембагалдар аябай кыйналышты, тынымсыз чабыштардан соодагерлер жүдөштү, шаарлар кыйрап, айыл-кыштактар таланды.
Мына ушул өз ара чыр-чатакты Темирдин мураскорлорунун эң каардуу душманы Шейбаны хан жакшы пайдаланды. Ал 1504-жылы башка аймактар менен кошо Фергананы да басып алган эле. Аксак Темирдин бир кездеги зор мамлекетин калыбына келтирем деген максатынан натыйжа чыкпаган Бабур өз жеринен качып чыгууга мажбур болуп, өзүнүн чамалуу тобу менен Ооганстанга, Кабылга барып токтойт. Бабурдун 1505–1515-жылдардагы ата-мурас аймактарды кайра кайтарып алууга кылган көп аракеттеринен натыйжа чыкпаган соң, ал багытын Ындыстанга (Индия) бурат да, 1525-жылы Делинин жанында Султан Ыбрайым Лодинин (Ибрахим Лоди) колун талкалап, тарыхта «Улуу Моголдордун империясы» деген ат менен белгилүү болгон мамлекетин түзөт.
Бабур – өз заманындагы бийлик ээлеринин типтүү өкүлү. Анын бардык өмүрү биринен сала бири кайталанып турган согуштук жүрүштөрдө өттү. Бирок чабыштар арасындагы бош убактысын ал бүтүндөй адабият менен музыкага жумшаган. Анын каламынан мыйзам, тартип туурасында ыр менен жазылган «Мубайин» жана көп ырлар жыйнагы, өзү түзгөн «Бабур каты» алфавити, музыка, поэзия жана аскер иштерине арналган көптөгөн чыгармалар жаралган. Анын чыгармаларынын ичинен эң орчундуу орун кара сөз менен жазылган «Бабур-баянга» таандык.
«Бабур-баян» – бөтөнчө тарыхый документ. Бабур өзүнүн башынан өткөндөрдү баяндоодо табиятты, өсүмдүктөр менен айбанаттар дүйнөсүн сүрөттөөгө өзгөчө көңүл бөлгөн. Ошондой эле адамдардын мүнөздөрү, адеп-ахлагы менен жүрүм-туруму авторду аябай түйшөлтөт. Ал баянында өзүнүн замандаштарынын – мамлекеттик ишмерлердин, акындардын, сүрөткерлердин, музыканттардын, өзүн жактагандардын, жада калса жеке душмандарынын турпаттарын да жогорку чеберчиликте элестетип көз алдына тартып берет.
«Бабур-баян» – XV–XVI кылымдардагы Орто Азияны мекендеп, түрк тилинде сүйлөгөн элдердин тарыхый прозасынын көөнөрбөс адабий мүлкү. Байыркы бабабыз Бабурдун мазмуну бай, көркөмдүгү бийик, мааниси терең баяны кыргыз окурмандарынын адабий асыл казынасына айланарына ишеним зор.
Которгон жана түшүндүрмөнү жазган Төлөгөн КОЗУБЕКОВ.
РЕМИ ДОР
«МАНАСТЫН» ПАМИРДЕГИ ҮЗҮНДҮСҮ
Кыргыз элинин монументалдуу эпосу «Манасты» жалпы калайыкка кайрадан жаңыртып тааныштырып олтуруунун кажаты деле жок болсо керек. Мына бир кылымдан кыйла ашуун убакыттан бери элдик-эпикалык мурасты изилдөөчүлөрдүн баары тең, М. Парриден тартып А. Б. Лордго чейин, ага-инилүү Чедвиктерден тартып Бауэрге чейин мына ушул байыртан бери жашап келаткан элдик оозеки поэзиянын салттуу үлгүлөрүнүн нукура көрөңгөсүн түзүп турган, анын калыптанган поэтикалык ыкмаларын үйрөнүүдө жана таанып билүүдө, илимий изилдөө иштеринде теңдешсиз материалдарды өз ичине камтыган адабий мурастын маанисин бир ооздон баса белгилеп келатышат. Эпос ошону менен бирге эле көчмөн кыргыздардын жашоо-шарты, каада-салты, ой-санаасы, максат-тилеги жана умтулууларынын багыты тууралуу аябагандай кенен жана терең, маалыматтардын түпсүз булагы болуп эсептелет.
«Манастын» алгачкы эпизоддору Ч. Валиханов тарабынан Ысык-Көл өрөөнүнөн 1856-жылы кагазга түшүрүлгөн. Ал материал атактуу «Көкөтөйдүн ашы» аталган «Манастын» өзүнчө бир негизги өзөк эпизоду. Ушул үзүндү Оксфорд университетинин профессору А. Т. Хатто тарабынан 1977-жылы англис тилине мыкты которулуп жарыяланды. Валихановдон кийин Кыргызстанга В.В.Рад лов эки жолу барган. 1862-жылы Текестеги бугулардын арасынан, 1869-жылы Ысык-Көлдөгү сарбагыштар менен Токмоктогу солто урууларынан жыйналган «Манас» эпосунун эпизоддору ушул азыркы күндө да бири-бири менен тыкыс байланышкан, эпостун эриш-аркак өзөктүү версияларынан болуп саналат. Алар Радловдун «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүл өрүнүн» V томун толук бойдон ээлеген (С-Петербург 1885-ж.). Акырында белгилей кетчү нерсе, азыр Кыргыз ССР Илимдер академиясы көптөгөн манасчылардан жазылып алынган миллиондогон сап Манастын варианттарына эгедер. Алардын ичинен эң негизгилери катары кыргыздын залкар акындары Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Каралаевди атап кетүүгө болот. Так ошол бай материалдарга таянып Б.М. Юнусалиев 1958–1960-жылдары «Манас», «Семетей», «Сейтек» трилогиясынын кыскартылып бириктирилген төрт томдугун бастырып чыгарган.
Ушу мезгилге чейин жыйналган жана жарыяланган материалдардын баары негизинен кыргыз диалектилеринин түндүк тарабынан чогултулгандыгы белгилүү. Бирок, Кыргызстандын ичинде «Манас» эпосу анын чет жакасындагы башка элдер менен тыкыс байланышта турган жерлерине чейин, атүгүл андан сырткары жактарда жашаган кыргыздарга чейин таралгандыгы да табигый көрүнүш. Мисалы, майда улуттардын Пекиндеги институтунун профессору Ху Чженьхуа жакында эле мага «Манас» эпосунун Синьцзяндагы кыргыздардан жазылып алынган вариантын басмага даярдап жаткандыгын билдирди. Мен өзүм болсо ушул даңазалуу эпостун бир үзүндүсүн 1973-жылы Ооганстандагы памирлик кыргыздардан жазып алуу бактысына эгедер болгомун. Ооганстандагы кыргыздар турган жер, албетте, «Манас» эпосу таралган жерлердин эң түштүк чеги болушу талаш туудурбас. Чындыгында эле вахандыктарда болсун, тажиктер же бадахшандагы өзбектерде болсун, оогандык Түркстанда «Манас» эч кандай тарабаган. Ошол эле учурда түрки тилдеги башка бир эпос «Көруулу» тууралуу баян мына ушул элдерге эң кеңири таралган.
1972-жылы мен Ооганстандын түндүгүндөгү Памир тоолоруна эң алгач экспедицияга барганымда баарыдан мурда, оогандык кыргыздардын ичинде манасчы же «Манастан» дурус билген бирөө бар бекен деп ушуну көп сурамжыладым. Кичи Памирде, мен ал жылы ошондон нары эле кайткамын, мага бирин-эки кишини көрсөтүштү эле, алардын кеп-сөзү көп болгону менен «Манасты» айта албаган немелер болуп чыкты. Анткени менен элден угушума караганда Улуу Памирде «Манас» айтып аты чыккан бир кыргыз бар деген маалымат алдым. Кийинки жылы так ошол мени кызыктырган кишини издеп таптым. Ал адам Улуу Памирдин чыгыш тарабындагы Зоркөл деген көл боюндагы жайлоону ээлеген Осмон Ажы деген байдын айылынан чыкты. Иш оңунан чыкпай, эл тапырап, жапырт жайлоого көчүп жаткан маалга оро-пара келип калган экемин, Ашым Афез (Апас, Авазбы же?) аттуу ошол адамды араң издеп таптым. Ал Осмон Ажынын малчысы экен, жайлоого көчүп калышкан экен, аябай убактысы тар экен, мага үч-төрт саат гана убактысын бөлүп, анан түн жарымында шашкан бойдон малына кете берди.
Ашым Афез (Аваз – үн, акын маанисинде – түшүндүрмө Реми Дордун өзүнүкү) Улуу Памирдеги (Ооганстандагы) Кесек уруусунун Кызылаяк уругунан экен, бул уруу Ооганстандагы кыргыздардын ичинен көпчүлүгүн түзөт экен. (Анын сүрөтү биз К. Науман экөөбүз жазып алып даярдап чыгарган «Кыргыз музыкаларынан» деген пластинканын сыртында тартылып турат (1978-жыл). Ошол эле пластинкада «Манас» эпосунан үзүндү да бар). Ашым караманча сабатсыз, кара тилин гана кайраган, ошондо 51 жашта экен, өмүр бою тоо арасынан сыртка чыкпаптыр. Ал эки гана эпос билет экен – «Манас» менен «Көруулуну» гана. Аларды бала кезинде Памирлик өз жердеши Өмөрбай аксакалдан үйрөнүптүр.
1-август 1973-жылы андан мен жазып алган үзүндү 616 жол сап ырды түзөт. Аягы чорт үзүлүп токтолот. Менин информаторумдун айтымында «Манастан» анын билгени ушул эле имиш. Бирок анын аябай зарыл ишке шашып, улам чебелектеп чыдабай олтурганына караганда, түн жарымында карбаластап жөнөп бергенине караганда, ал жаңы да бир эпизод баштагысы келген жок окшойт. Болбосо бир келген жалгыз мейман үчүн ушу сый деле, чоң жомоктон ушул үзүндү деле жетиштүү деген кыязда болду бейм.
Мен жазып алган үзүндү негизинен беш сюжеттик бирдиктен түзүлөт. Андагы ыр саптары тогуз муундан турат (5+4), да түрки элдердин оозеки поэзиясына эң эле мүнөздүү болгон негизги муун санакты бир аз чоё (кошо) созуу менен (төрт муун – байламта; үч муун + байламта) өзүнчө формага эгедер. Ырдын ыргагы тыкан, так, бир калыпта гана айтылып жүрүп олтурат. Окуяны баяндоодон диалогдук речке өткөн жерде гана (а да эки жолу гана) ырдын ыргагы өзгөрүлө түшөт. Бул өзү кыргыз акынынын адаттагы ыкмасы экени байкалат. Эпос комуздун коштоосу менен аткарылбайт.
Ал тексттин транскрипциясы, фонетикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү, дагы башка касиеттери биз өзүбүздүн «Памир диалекти» деген эмгегибизде кеңири токтолгонбуз. Материал Г. Имардын «Кыргыз тили» аттуу китебинде француз тилинде (ЭКС, 1981-жыл) жарыяланган.
Кийинки кезде сөнүп бараткан поэтикалык салттын эң акыркы жаңырыгы катары биз жазып алган ушул «Манастын» памирлик фрагменти элдик оозеки поэзиянын соңку ал-абалы жана анын солгундоо учурун изилдөөгө эң сонун иллюстрация болуп бере алар эле.
Мындагы айрым элементтерди мен «Манастын» бизге белгилүү эки чоң варианттары менен – Радловдун жыйнаган материалдары жана кыскартылып бириктирилген вариант (Б. Юнусалиевдин баш редакциясы менен чыккан төрт томдук) менен салыштыра иликтөөгө аракеттенип көрдүм.
Адегенде алгачкы эпизодду алалы. Ал өзү негедир обочолонуп, калган бардык тексттен бөлүнүп, өзүнчө турат. Өзүнчө бир бүтүндүктү түзүп, бүкүлү ойду баяндаган саптар окууга жеңил, андагы айтылган ойду түшүндүрүүгө аябай эле жеңил. Анын үстүнө айтылышы жагынан да аябай так, калган тексттерден шыр кетип таамай сүрөттөлүшүнө караганда, менин оюмча информатор ушул эпизодду башкаларына караганда көбүрөөк уккан болушу керек. Айтуучу да үзүндүнү дал ошол эпизоддон баштайт экен. Демек мыкты билген жери да ошол. Анткени психологдор өздөрүнүн «Интервалдык» деп аталган изилдөөлөрүндө аныкташкандай, кандайдыр бир оозеки речтик баянды угууда адам аң-сезими анын баш жагын так кармап эске сактап калууга умтулат экен да, анан барып эске тутуу бошоңдоп кетип, эң акырында кайрадан курчуйт экен.
Эпизоддогу окуя эң жөнөкөй, ошону менен бирге олуттуу маанайда башталат: те ыраактан келаткан бейтааныш жалгыз адамды бир кыз бир чети кызыга, бир чети чочулай карап турат, «Бул өзү ким болду экен?» деген суроого жооп таба албайт. «Ким экен?» деген күдүк ойдун текстте рефрен катары улам-улам кайталанышы (бул, албетте, ыр саптарынын көңүлгө жат болуп орноп калышына өбөлгө түзөт) жадатып жибере тургансып көрүнүшү да мүмкүн эле, бирок, ошого эң сонун карама-каршы, контрасттуу сүрөттөөнү абдан кылдат коюп, ырчы бул боз үйгө шар келаткан атчандын шайдоот жүрүшүн эриш-аркак баяндап ширелиштирет. Жангыз аттуу жоокердин шайдоот жүрүшү, баатырдыгы, жорук-жосуну, өкүмдүгү, анын эл өкүмдары, журт башчысы экенинен кабар берсе, өзүнүн кебете-кешпири, бой-сымбаты келишкен жаш жигит экенин көз ирмебей тиктеп турган кыз жазбай баамдайт. Ана ошондо гана барып кыз анын Манас экенин билет. Текст боюнча Манас өзү да кыздын ошол оюн кайра кайталап ырастай (бул кайталоо элдик оозеки чыгармачылыктын импровизатордук түрлөрүндө айтуучу андан аркы текстти даярдап алууга мүмкүндүк берген эң кеңири колдонулган поэтикалык кайталоо ыкмасы болуп саналат).
Манас бул эпизоддо өзү гана жалгыз, эч кандай баатырдык же бир жоокерлик максаты деле жок, жадагалса жоо кийими, куралы да жок. Анан калса сөз ошо кызды ала качуу тууралуу да бараткан жок. Манас кыздын ата-энесине кайрылат да алардын кызына келген жигит катары кайрылат. Демек, бул жолку келиши деле кызга мурдатан күйөөлөп келип жүргөн каттоолорунун бири болуп чыгат.
Ырас, баатыр өзүн өз элиндегидей, же бир каратып алган элдегидей ээн-эркин, өктөм сезет. Бирок бул кыргыздардын эпикалык каармандарынын дээрлик баарына тең мүнөздүү образдык белгилерден болуп саналат. Маселен, мен ошол эле жерден жазып алган «Кулмырза» аттуу лиро-эпикалык чыгармада башкы каарман кыздын айылында өктөмдүк кылып, эрдемсип эле тим болбой кыздын коюнуна кирип кетүүгө чейин барат. Манас да бир чети жаңылыштык кетирет. Анын күйөөлөп барган колуктусу жөнөкөй гана бир кол кайырууну билбеген, өзүн коргой албаган кыздардан эмес. Ал кызга бастырып келип эле түз катыла албайсың. Кыргыздын чыныгы баатыр кыздары сыңары эле ал кыз Манас тийише баштары менен аны бычак менен сайып жаралайт.
Мына ушул эпизод памирдик манасчыда башка варианттардагыга караганда бир топ кеңири сүрөттөлгөнү менен түпкүлүгүндө келип Радловдун материалдарындагы баян менен үн алышып турат. Манастын эки аялы бар. Карабөрк менен Акылай. Алар казаттан олжого түшкөн аялдары. Кудалашып, той берип алган аялдары эмес. Так ошондуктан Манас эми каада салты менен кудалашып, күйөөлөп барып, той берип үйлөнүүнү максат кылып келип олтурат. Ал Каныкейге жолугуп ошону жактырып калат. Айылына токтоп, жашыруун келип, кыздын үйүнө кирип, анын колунан даам ооз тийип олтурат да, бир маалда кызга тийишип кучактай баштайт. Асыла баштаган немеге ачуусу келип кыз бычагын ала баатырга тап берет:
Атакем Темир хандын Ат байлабас акырга, Ат байлаган ким элең? Камчы илбес каалга Камчы илген ким элең? Куш кондурбас туурга Куш кондурган ким элең? Аягында сары бал Татып өткөн ким элең? Байтал бээнин бал кымыз Суусап жуткан ким элең?
Ошондо баатыр: «Бул мен, Манасмын!» деп жооп берет. Так ушунун өзүндөй эле сценаны биз «Эр Төштүк» эпосунан да учуратабыз. Төштүк уктап жаткан Бактөрө баатыр кыздыкына келет да кымыз ичет. Анан кызыган неме уйкуда жаткан кыздын коюнуна кирмек болот да чечиндире баштаганда кыз тура калып:
Аягымда сары бал Алып төккөн ким эле?
Баш жагымда суюк бал Суусунга жуткан ким эле?
Он эки түймө, он топчу
Чыгарып койгон ким эле? – дейт.
«Ат байлабас акырга ат байлаган, илбес жерге илген, кондурбас туурга кондурган», «Аягымда сары бал, алып төккөн ким, суусунга жуткан ким, түймө-топчу чечкен ким?» – дегендей каада-салт сөздөрү, шексиз, байыртан келаткан үйлөнүү тоюнун түнүндөгү жигит менен колуктусунун ритуалдык жөрөлгөлүү салттарынын көркөм чагылдырылышынын көрүнүшү болуп эсептелет. Бул жөрөлгө салты эрди-катындын болочок бүлөсүндө кокус болчу өйдө-төмөн кеп-сөз, ачуу-чүчүү мамилелерден тазалоого өбөлгө болот.
Памирден жазылып алынган текстте Радловдун материалында учурабаган бир үзүндү бар. Анда күйөөлөп келген Манасты аябай тамашага чалып Шилевкан кыз айтыша баштайт. Манас да кем калышпай, а да кызды келекелеп айтыша кетет. Бул кайым айтыш өз кезегинде Н. А. Кисляков тарабынан изилденген «Орто Азия элдеринин үй-бүлө жана никелешүү жөрөлгөлөрүнүн тарыхынын очерктери» («Очерки по истории семьи и брака у народов Средней Азии». Л., 1969, 118-б.) деген китебинде кеңири иликтенген жигиттин кыз айылына күйөөлөп келишиндеги кыз оюнундагы кайым айтышка дал келет. Кыз оюнда кыздар бир тарап, жигиттер бир тарап болуп, маңдай-тескей олтурушат да, жигит өзүнүн көөнү түшкөн кызга, кыз өзү жактырган жигитке карата багыштап, ошол жерден шар ыр жаратып (импровизация) ырдайт. Ырына ыр менен жооп алат. Анан башка кыз-жигит айтышат д.б.у.с. Мындайда, кыз оюнда илме-чалма тамаша сөз, каймана мааниде кеп жылдыруу, оюн-зоок аралаш табышмактата сүйлөп, атүгүл түшүнбөстү келекелөө эң эле кеңири колдонулган. Кыз жигиттин ырына жооп бербей коё да алат, же тетирисинче анын өзүнө карата ышкыбоздугуна бул өзү да ынтызар экенин, каймана же түз эле түшүндүрө алат. Ошонун баары ырга салынат, айтыш түрүндө көркөмдөлө ырдалат. Так ушундай эле салт казактарда да бар (ошол эле Кисляковдун китебинин 102–106-беттерин караңыз). Аларда кызды кудалап келишкенде кудалар өздөрү да айтышышат, анан кийин күйөө бала келгенде жаштардын жар-жар айтышы болот. Мына ушул кийинкиси өтө көңүлдүү өтөт. Кыздар бүт бир боз үйгө чогулуп кирип алышат. Жигиттер болсо ошол боз үйдүн тушкийизин сыйрып, кызыл керегелешет да, керегеден сыртта тегеректешип алышып кыздар менен айтышат. Мындайда, керегенин эки жагынан келип айтышып жатканда, кайым айтышып жатып кээде, эптеп жеңиш үчүн тарткылаша, түрткүлөшө кетмейге да жол берилет. Ким утулуп калса ал аны өзү моюнуна алат. Мындай айтыштарда жеңип чыккандардын мөрөйү эң эле жагымдуу мөрөй болгондугу тууралуу маалыматтар көп. Т. Г. Виннердин материалы боюнча: «Аял менен эркектин айтышында жеңип чыккан эркек ошол аялдын сүйүүсүнө татыктуу болгон».
Мына ушундай салт-сабырды сүрөттөгөн эпизоддор төрт томдук бириктирилген вариантта түк учурабайт. Түзүүчүлөр андай эпизоддорду кандайдыр салтта жок, жагымсыз жорук-жосун деп эсептешкен көрүнөт.
Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы алдында жарыяланган кыскартылып бириктирилген төрт томдукта Алмамбеттин айтуусу менен Манас үйлөнмөк болот. Бир кезде Букардын ханы Темиркандын кызы Каныкей менен таймаша кетип, анын күчү менен акылына таң калган Чубак так ошол Каныкей гана сага ылайык деп Манаска да айтат. Ошондо Манас эмгиче мени үйлөнтпөйсүң деп атасына доомат кылат. Ырас, буга чейин ал калмактардан Карабөрктү, Калчанын өзүнөн Акылайды тартып алган. Бирок алар менен биротоло бүлө болуп кетишкен эмес. Ошондо Жакып аттанып чыгып Темирканга Каныкейди кудаламак болуп барат. Куда түшкөндөн кийин Манас Алмамбет экөө нечен үйүр жылкы айдап калыңын алып келишет да Манас кыздын өргөөсүнө кирет. Кыз ойгонуп кетет да жини келип Манаска кол салат. Бирок Манас кызга тийиштиби, же да кандай болду, бул жерде ал тууралуу маалымат жок. Тек Каныкей дароо эле:
Болот канжар башында
Каныкей кынынан сууруп алганы.
Кыйшаңдабай жөн туруп Канжар менен Манасты Так билекке сайганы.
(Төрт томдук. «Манас», 1-том, 261-бет.)
Радловдун вариантында, биз жазып алган материалдагыдай эле кыз куралы жөнөкөй гана бычак, үйдөгү кадимки бычак – кыз колундагы куралы ошо.
Абалак саптуу бычагын
Кынынан сууруп алды дейт,
Каныкей шилтеп ийди дейт, Алача балтыр ак билек
Айрып берип кетти дейт.
(Радлов…)
Бул окуя негизинен эки вариантта тең бирдей болгону менен, биз жазып алган вариантта негедир Каныкей аталбайт да, анын ордуна жанагинтип бычак сайган капкайдагы бир Шилевкан деген кыз болуп чыга келет.
Бул персонаж «Манастын» башка варианттарында жок, аттын этимологиясын «шиле» (перемещать, устранить) же «каргап-шиле», «шилге» (түрки тилдеринин көпчүлүгүнө кеңири тараган) этиштери менен адам атын жасоочу «кан – хан» мүчөсүнүн жалгашуусуна такоого болот. «Хан» болсо айрыкча ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан кыздардын атына жалгануучу өзүнчө эле бир атактуу, кадырлуу эпитет. Маселен Кокон хандыгын 1808-жылдан 1816-жылга чейин бийлеген Алим хандын кыздарынын аттары Айымкан, Улуккан, Аптакан аталган. Ал эми Ооган Памириндеги Рахманкул хандын тун уулу Увакилдин токолунун аты – Зебакан ж. б. у. с.
Шилевкандын атындагы «каргап шилеген» дегендей терс мүнөздөмө деле бизди тетири ойго салбашы керек. Бир чети бул маселе түрки-монгол элдеринде кеңири тараган ырасми – балдарга көз тийбесин деп ар түрдүү тескери маанилүү аттарды коё берүү салты менен да түшүндүрүлөт. Бул үзүндүдө эпостун каарманынын аты так ошондой аталып калган. Ошондуктан анын атынан терс мүнөздөмөнү көрүүгө болбойт. Тескерисинче, бул каарман кыздын аты-затына төп келишип, кандай гана болбосун өз ариетин, намыс-арын коргоп калууга жарамдуу, өткүр, курч, батыл ургаачынын образы түзүлүп турат. Ошону үчүн Шилевкан өз атына шайкеш иш кылат да, бирөө катылаары менен анын катыгын берет.
Ошентсе да Шилевкандын образынын бул эпизоддо сүрөттөлүшүнүн бир шектүү жери бар. Ал адегенде (25- жана 78-саптар) Манас күйөөлөп келген кыз катары сүрөттөлөт да, кийинчерээк, эпизоддун орто ченинде (309–316-саптарда) Накылайдын жеңеси катары сүрөттөлүп, аны Ак Курткага күйөөгө бере турган болуп жатышканы тууралу сөз кетет. Анан, эгер чын эле Манас ошол Шилевкан кызга жетпей калып, кийин өзүнүн жакындарынын бирине алып бермек беле? Андай болушу мүмкүн деле эмес. Демек, бул жерде бир ысым менен аталган эки каарман тууралуу кеп болуп жатат. Чындыгында эле бир элде бир ысым менен жүздөгөн адам атала берет эмеспи. Бирок эпикалык каарманга биротоло такталган аныктама, ийине жеткен индивидуализация, аны башка каармандардан обочолонтуп турган касиеттер мүнөздүү келет эмеспи. Так мына ошондуктан мен бул жерде айтуучу тарабынан кандайдыр бир жаңылыштык кеткенби деп ойлойм. Эпизоддун баш жагында Каныкейдин аты эсинен чыгып кетип, кайдагы бир башка, бирок функциясы жагынан ага бир топ жакын, бирок экинчи пландагы аял каармандын атын атай салгандай туюлат.
Эми экинчи эпизодго кайрылалы. Бул үзүндү бизди Манастын өзү, анын кырк чоросу менен тааныштырат. Мурдатан бизге белгилүү болгон кадимки варианттардагыдан өзгөчөлөнүп бул жерде чоролор оң мааниде эмес, терс маанидеги эпитеттер коштолуп айтылат да oкуянын жүрүшүндө алар ошол аныктамага төп келген жорук жасашат. Манас аларды суу боюна таштап өзү кетмей болгондо үндөбөй тим кала беришет. Анан калса баатыр аларга ишене бербейт окшойт. Таластан жараланып келгенин чоролоруна айткысы келбейт. Алмамбет менин Эр Көкчөгө болсо өзү айтат.
Кыргыз ырчысы мында эпикалык чыгармачылыкта кеңири колдонулган интерполяция ыкмасына салган (эпикалык чыгарманын өзүндө болбогон эле сөздөрдү кошуп жиберүү ыкмасы). Маселен «Роланд жөнүндө ыр» Эмир Балиган өз кошунуна кайрылып мындай дейт: «Э, менин каргыш тийген аскерлерим, баргыла да жеңиш менен келгиле!» Ошондой эле мүнөздөгү мисал орус былиналарында да бар. Татарлардын ханы Калина кызматчыларынын бирин «каапыр» (бутпарас) деп айтат. Анан ошол эле каарман князь Владимирге келип өз төрөсүн буга «Ит Калина» деп тилденет.
Манас кырк чоросун Кашкар менен Жаркентке дарыга жиберет. Чындыгында эле ошол эки шаар Оогандык кыргыздар үчүн дары-дармек, ар түрдүү башка соода жүргүзө ала турган бирден-бир жакын калаалар. Биздин үзүндүнүн ичинде аталган ушул эки шаар гана тагыраак көзгө элестебесе, башка жер-суунун аттары, топонимдер тумандуу келип, аларды так көрсөтүүгө мүмкүн эмес.
Манас жараттан айыгып алып анан жортуулга аттанам деп нээт кылат. Так ушул жерде манасчы өз каарманынын жаралышы тууралуу эки ооз айта келип, окуялар биригип, Кожо Кыдыр кошулуп батасынан жаратканын баса белгилеп өтөт. Бул да өз кезегинде ислам дининин таасиринен келип кошулган салттуу мотив. Радловдун версиясында да Манастын туулушунда төрт пайгамбар катар айтылат. Манас аттанып жолго чыкканда кырк чилтен коштоп, кыдыр жылоолоп жүрөт. Ушул эле мотив Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашында» да бар:
Топ олуя биригип, Тобосунан бүткөргөн. Бар олуя биригип,
Батасынан бүткөргөн.
Шооруктун жергесине келип кызы Накылайды үйдүн сыртында туруп чакырат Манас. Радловдун вариантында да так эле ушул мотив ушу бойдон.
Чорук кызы Акылай,
Чакыртып алды үйүнөн.
Бирок башка варианттарда ал чабуулда колго түшүп келген олжо катын катары айтылат.
Шооруктун кызы Радловдо бир гана жолу Накылай деп айтат да (Образцы… V том, 81-бет, 691-сап), калган башка бардык учурларда Акылай делинет. Шооруктун өзү болсо Чоорук, Шорук, Шаурук (бул казак аталышка жакындайт) деп айтыла берет. Шоорук деп төрт томдукта туура такталып берилген («Мен кызын алдым Шооруктун» ж. б.).
Накылайга карата айтылган «долу» деген эпитет да ургаачы каармандарга карата кеңири колдонулган аныктама кээде тетири мүнөздөмө маанисине да эгедер. «Көкөтөйдүн ашында» кыргыздарды уят кылып, төө чечмейге түшкөн Ороңгуну да долу дешип аташкан.
Ашым Афез айтып берген үзүндүдө 227-саптан ары баяндаманын мазмуну бир топ чаташып кетет. Чындыгында эле Накылайдын эмеле атасынын айылына тополоң салып кеткен немеге өзү эле тийип тим болбой, жеңесин Ак Курткага, кырк кызды кырк жигитине берем деп шашкалактаганы, анан Манасты жортуулга чыкпай эле кой деп жалбарганы түшүнүксүз, мотивдери ачык эмес.
Анан башка варианттарда эч учурабаган Ак Куртка деген каарман кайдан чыга калды? Ал өзү ким? Аты да бир кызык, эркектердин атына көп ылайык келе бербейт (байыркы түрк тилинде «куртга» – кемпир, кыргыз тилинин памир диалектисинде – анчалык өскүлөң эмес кыска караган-бута). Адегенде (238-сапта) Ак Куртка Манастан жашы улуу агасы катары айтылып өтөт. Бирок Манастын агасы болгон эмес, карындашы гана бар. Ырас, кийинчерээк аталаш туугандары Абыке, Көбөштөр тууралуу айтылат. «Ага» деген кайрылуу албетте, өзүнөн улуу бардык эле эркекке, же аталаш туугандардын улуусуна карата айтыла берчү кең маанидеги туюм экени да ырас. Бирок бул жерде Накылай Ак Курткага зор урмат менен кайрылып, Манастан улуу адам катары урматтап отурган соң, демек туугандарынын бири дегендей божомол жаралып жатат.
Кандай гана болбосун Ак Куртка тарабынан колдоого алынган Накылайдын Манаска айткан сөздөрүнө баатырдын жини келет. Аялдын оозунан чыгып жаткан кепке теригет да ого бетер көктүккө салып, Ша Темирдин кызы Чачыкейге барып ошону алмак болот. Бирок бул оюн орундатышы кыйын. Анткени бардык башка варианттарда Чачыкей аталган бул кыз Манастын уулу Семетейдин чоросу Күлчоронун колуктусу. Азырынча алардын бирөө да негизги хронология боюнча али туула элек.
Кийинки эпизоддор деле чаржайыт, тумандуу, башаламан кете берет. Үчүнчү эпизод аң уулоо, андан кийинкиси Аккула тууралуу айтылат. Аккула эмнегедир Каккула болуп күлкү келерлик мааниде аталат. Мына, уйкаш кубалап аллитерацияны ээрчип кетмейдин кесепети деген ушул. Анан калса Аккула канаттуу тулпардын касиетинен деп айтылган. Ал эми Манастын артынан түшкөн Таластын аты «Кырк канаттуу Карай-Боз» (435-сап) делинип аталат. Таластын Манастын жергесинин эмес, Манастын каршылашкан душманынын аты болуп калышы да таң каларлык. Дегеле мындай башаламандыктарды түшүндүрүү кыйын.
Ошентип, оогандык кыргыздардан жазылып алынган «Манастын» үзүндүсүнүн негизги мазмуну көп жагынан канааттандырарлык эмес.
- Манас кадимки эпикалык каарман катары толук сүрөттөлбөйт (аны Шилевкан да, Талас да жарадар кылышат).
- Анын аты да кадимки тулпар эмес.
- Кырк чоро да үстүрт гана айтылат.
(Макаланын аяк жагындагы кээ бир божомол бүтүмдөр окумуштуу изилдөөчүнүн эпостун башка варианттары менен толук тааныш эместигинен келип чыккан. – ред.).
Француз тилинен которгон Леонид Строилов
(Шилевкан:)
Шуңу менин эй токойдон а
Этеги пешин эй илдирбей йа
Шүңүп өткөн эй ким экен а?
Атакем жалгыз аттын эй сокмок из а
Жазбай келген эй ким экен а
Атакем сай-сай бир кечү дей, сай кечү
Сайрандай кечкен эй ким экен а?
Атакем кум-кум бир кечү дей кум кечү
Кум айрай кечкен эй ким экен а
Атакем паң-паң үрбөс эй бай төбөт эй
Паңкылдап үрүп эй барганда йа
Башка чапкан эй ким экен а?
Атакем кереге бойлуу дей кер канчык а
Керилип үрүп эй барганда йа
Керилте чапкан эй ким экен а
Ашык атпас эй ак ордо ай-йа
Алтын сака калчап өткөн эй ким экен а
Атакем камчысын илбес эй кара тал а
Камчысын илген эй ким экен а
Атакем саадагын илбес эй сары тал а
Саадагын илген эй кимге экен а
Атакем алтымыш баштуу дей ак үйүн а
Эшигин эгиз ачып эй пас таштап а
Салам берип кирип келген эй ким экен а
От боюнда дей Шилевкан а
Кызыңар кайда дей жатты деп сурап өткөн эй ким экен а?
Айагымда дей ачык пал а
Аттап өткөн эй ким экен а
Баш жагымда дей суук пал а
Суусунга жуткан эй ким экен а
Каркыра менен эй каз кабак а
Кагып жеген эй ким экен а
Турна менен эй тус кабак а
Туздап жеген эй ким экен а
Он рупийа дей он топчуну
Онобой чечкен эй ким экен а
Сан рупийа дей сан топчуну
Санабай чечкен эй ким экен а
Сурайылдай эй боюма йа
Бой теңеген эй ким экен а
Анардан аппак эй этиме йа
Эт теңеген эй ким экен а
Анардан кызыл эй бетиме йа
Бет теңеген эй ким экен а
Карагаттай эй көзүмө йа
Көз теңеген эй ким экен а
Канттан ширин эй сөзүмө йа
Сөз теңеген эй ким экен а?»
(Манас:)
«Атакең жалгыз аттын эй сокмок из а
Жазбай келген эй Манасың а
Атакең Шүңү менин эй токойдон а
Этек пешин эй илдирбей йа
Шүңүп өткөн эй Манасың а
Атакең ай-сай кечү дей сай кечү
Сайрандай кечкен эй Манасың а
Атакең кум кечү дей кум кечү
Кум айрай кечкен эй Манасың а
Атакең, пан-паң үрбөс эй бай төбөт а
Паңкылдап үрүп эй келгенде йа
Башка чапкан эй Манасың а
Атакең кереге бойлуу дей кер канчык а
Керилип үрүп эй барганда йа
Керилте чапкан эй Манасың а
Атакең ашык атпас ак ордо ай йа
Алтын сака калчап өткөн эй Манасың а
Атакең, ат байлабас эй акурга йа
Ат байлаган эй Манасың а
Атакең кишмишин төкпөс эй супага йа
Кишмишин төккөн эй Манасың а
Атакең саадагын илбес эй сары тал а
Саадагын илген эй Манасың а
Атакең камчысын илбес эй кадага йа
Камчысын илген эй Манасың а
Атакең алтымыш баштуу дей ак үйүн а
Эшигин эгиз ачып эй пас таштап а
Кирип келген эй Манасың а
От боюнда дей Шилевкан а
Кызыңар кайда дей жатты деп а
Сурап өткөн эй Манасың а
Айагында дей ачык пал а
Аттап өткөн эй Манасың а
Каркыра менен эй каз кабак а
Кагып жеген эй Манасың а
Турна менен эй тус кабак а
Туздап жеген эй Манасың а
Баш жагында дей суук пал а
Суусунга жуткан эй Манасың а
Он рупийа дей он топчуну
Онодой чечкен эй Манасың а
Сан рупийа дей сан топчуну
Санабай чечкен эй Манасың а
Сурайылдай эй боюңа йа
Бой теңеген эй Манасың а
Анардан аппак эй этине йа
Эт теңеген эй Манасың а
Анардан кызыл эй бетиңе йа
Бет теңеген эй Манасың а»
(Шилевкан:)
«Теңдеп бир теңдеп эй отун ал Манас а
Теңтушуң таап эй катын ал Манас а
Текечер мүйүз эй тең эмес Манас а
Сенин бир теңиң эй мен эмес Манас а
Менин бир теңим эй сен эмес Манас а
Курлап бир курлап эй отун ал Манас а
Курдашың таап эй катын ал Манас а
Кулжачар мүйүз эй куп эмес Манас а
Курдашым менин эй сен эмес Манас»
(Манас:)
«Теңдеп бир отун эй алганмын накым а
Теңтуштап саңа дей болгонмун накым а
Текечер мүйүз эй тең эле эй накым а
Теңтушум менин эй сен эле эй накым а
Курлап бир отун эй алганмын накым а
Курдаш деп саңа болгонмун накым а
Кулжачар мүйүз эй куп эле ай накым а
Курдашым менин эй сен эле ай накым а»
(Шилевкан:)
«Кет дегенде дей ит кетет Манас а
Иттен бир жаман эй экенсиң Манас а
Кош дегенде дей кой кетет Манас а
Койдон бир жаман эй экенсиң Манас а»
(Манас:)
«Кет дегенде дей ит кетсе ай накым а
Кетпегеним эй сурасаң накым а
Тегиздигим эй эмеспи ай накым а
Кош дегенде дей кой кетсе ай накым а
Кетпегеним эй сурасаң накым а
Коңурлугум эй эмеспи ай накым а»
(Шилевкан:)
«Атакем аш же деп берген эй ак кездик а
Аш жебейин эй таш жейин а
Шул төөчүдөй сарбандын а
Ач жүрөккө дей муштайын а
Энекем эт же деп берген эй ак кездик а
Эт жебейин эй таш жейин а
Шул төөчүдөй сарбандын а
Эт жүрөккө дей муштайын а»
(Манас:)
«Хан эшиги дей деп келсем а
Кара бир кандек эй бар экен а
Каап бир алды дей колумнан а
Бек эшиги дей деп келсем а
Безат эле канчык эй бар экен а
Тиштеп алды дей колумнан а
Кан токтобойт эй жарамнан а»
Кашка жилик эй кара сан а
Кайра буйра дей камчы урган а
Жото жилик эй жоон сан а
Жорттура түшүп эй камчы урган а
Шонон жөнөп эй кетти дейт а».
(Манас:)
«Ой кырылган эй кырк чором
Ой жоюлган эй жок чором
Бирибири кобо дей калыңар а
Оттон калай эй калыңар а
Бирибири кобо дей калыңар а
Кашкар ылдый эй чабыңар а
Кашкалдак өтүн эй табыңар а
Бирибири кобо дей калыңар а
Жеркен ылдый эй чабыңар а
Жээреннин өтүн эй табыңар а
Куп сакайтып эй алыңар а
Хан эшиги дей деп барсам а
Кара канчык эй бар экен а
Каап бир алды дей колумнан а
Бек эшиги дей деп келсем а
Безат да канчык эй бар экен а
Тиштеп алды дей колумнан а
Кан токтобойт эй жарамнан а»
Ой кырылган эй кырк чоро ай йа
Бирибири кобо дей калды дейт а
Оттон калай эй койду дейт а
Ой жоюлган эй жок чоро ай йа
Бирибири кобо дей калды дейт а Кашкар ылдый эй чапты дейт а
Кашкалдак өтүн эй тапты дейт а
Ой кырылган эй кырк чоро ай йа
Жеркен ылдый эй чапты дейт а
Жээрендин өтүн эй тапты дейт а
Аптага жатып эй калды дейт а Куп сакайып эй алды дейт а
Таң эртеси дей бар эде ай йа.
(Манас:)
«Ой кырылган эй кырк чоро ай йа
Ой жоюлган эй жок чоро ай йа
Азык-түлүк эй шайлаңар а
Атка така дей байлаңар а
Таң эртеси дей жөнөйбүз а
Хан Шоорук кызы Накылай а
Муну деле барып эй көрөбүз а Онон да нары дей өтөбүз а
Таластан жылкы дей сүрөбүз а
Бекерден катын эй алабыз а
Белен да тонду дей кийебиз а»
Ой кырылган эй кырк чоро ай йа
Атка така дей байлады ай йа
Азык-түлүк эй шайлады ай йа
Таң эртеси дей бар эде ай йа
Шонон бир жөнөп эй келди дейт а
Алты олуя дей биригип а
Арибинда дей жараткан а
Жети олуя дей биригип а
Жең жеңинде дей жараткан а
Кожо да Кызыр эй биригип а
Кол колунда де жараткан а
Алышканнын эй алпы еде ай йа
Алп тегирмен эй ташы эде ай йа
Арстаным Манас эй өзү эде ай йа
Шонон бир жөнөп эй келди дейт а
Давылыны дей какты эде ай йа
Хан Шооруктун эй короосу ай йа
Иштеме калбай эй жөнөдү ай йа
(Манас:)
«Ой карай бет эй бебакты ай йа
Бирибири көрүп келем эй мен деди ай йа
Шонон да кайтып эй кел деди ай йа
Хан Шоорук кызы Накылай йа
Ойгоо бир болсоң эй тез чыккын долу йа
Уктап бир болсоң эй ойгонгун долу
Кош атым кетти дей кол менен долу йа Коштошор болсоң эй чык бери эй долу йа
Каарчам кетти дей кой менен долу йа
Карнайым кетти дей кол менен долу йа» Капшытка келип эй бакырды ай долу йа
Хан Шоорук кызы дей Накылай деди йа
Чачын жууп суу жаткан дей деди йа
Шондой бир тоош эй болду дейт деди йа
Ак кездигин эй колго алып деди ай йа
Капшытты тилип эй караса ай йа
Эр Манас келип эй калыптыр деди ай йа
«Атаңа наалат эй арман күн деди ай йа
Адамды деген эй гап (кеп) бузат деди ай
Жерди бир деген эй суу бузат деди ай йа
Күйөөсүнү дей токтосун деди ай йа
Айланайын ай хан атам деди ай йа
Күйөөсү шонон эй жөнөдү ай» деди ай йа
Хан Шоорук кызы дей Накылай йа Чачыны түйүп эй салды дейт а Аркасынан эй жөнөдү ай йа.
(Накылай:)
«Атыңнын башын эй бура тур Манас а
Арз айтамын эй тура тур Манас а
Бууданың башын эй бура тур Манас а
Муң айтамын эй тура тур Манас а
Кыркыңа кырк кыз эй беремин Манас а
Ак Курткадай эй агаң эй Манас а
Шилевкан деген эй жеңем бар Манас
Ону бир ого дей беремин Манас а
Өзүңө-өзүм эй тиемин Манас а
Бекерден катын эй шол болот Манас а
Эми бир кайтып эй келе көр Манас а»
«Ак Куртка деген эй агасы ай деди ай йа
Алганыга эй сайдырган Манас а
Арсыз бир Манас эй кайтып кет» деди ай йа
Катыныга дей сайдыргып а
Катын бир Манас эй кайтып кет» деди ай йа (Манас:)
«Мынан бир нары дей барамын деди ай йа
Таластан жылкы дей кубамын деди ай йа
Бекерден атын эй минемин деди ай йа Белен тонду дей киемин деди ай йа
Бекерден катын эй аламын деди ай йа
Ша Темир хан кызы эй Чачыке деди ай йа Ону бир келип эй албасам деди ак йа».
Муну бир көрүп эй бул Манас
Кат ачуусу дей келди дейт а
Кандуу бир бети дей нур чалып а
Ант ичкендей саргарып а
Уу ичкендей кубарып а
Алдыңгы ээрдин эй тиштейт дейт а
Үстүңгү ээрдин эй гездейт дейт а
Алты өгүздүн эй терисин а
Алты кыл өргөн эй булдурсун
Жети өгүздүн эй терисин а
Жети кыл өргөн эй булдурсун а
Чапса да кулак эй тундурсун а
Хан Шоорук кызы Накылай а
Эмчекке карап эй шилтеди ай йа
Шоноп да жөнөп эй кетти дейт а
Ак ташка көтүн эй дарс уруп а
Алаканын эй чак уруп а Шондо да жатып эй калды дейт а.
* * *
Аркасынан эй жөнөдү ай йа
«Атыңын башын эй жолго кой Манас а
Оң кулагың эй маңа кой Манас а
Кылычың келсин эй кыны жок Манас а
Кырк жигит келсин эй өзүң жок Манас а
Саадагың келсин эй огу жок Манас а
Сан жигит келсин өзүң жок Манас а
Ак Курткадай ай агавды ай Манас а
Талдыктын суу (суусу) дей ташысын Манас а
Тал боюдан эй ашысын Манас а
Көпүрүк суу дей көбүрүп Манас а
Көпүрөктөн суу ашысын Манас а
Шондой бир-шаит (ша ит) ой кылгайсың, Манас а
Кырк жигит келсин эй өзүң жок Манас а»
Шонон бир жөнөп эй берди дейт Манас а
Талдыктын суу дей ташыды ай деди ай йа
Тал боюдан ай ашыды ай деди ай йа
Көпүрүк суу дей көбүрүп деди ай йа
Көпүрүктөн эй ашыды ай деди ай йа
Шондой бир жатып эй калды дейт Манас а
Кырды бир кырдай эй жортту дейт Манас а
Кырдан бир олжо дей таба албай Манас а
Кырк бүктөлүп эй жатты дейт Манас а
Ойду бир ойдой эй жортту дейт Манас а
Ойдон бир олжо дей таба албай Манас а
Он бүктөлдү эй жатты дейт Манас а
Бири да чычып эй бири жеп Манас а
Бири да сийип эй бири ичип Манас а
Кырк жигит шондо дей калды дейт деди ай йа
Бир күнүсү дей бар эле ай йа
Ак Куртка туруп эй айтты дейт деди ай
«Манасты эми кайтарып деди ай йа
Алып бир эми дей кетели ай деди ай
Хан Шоорук кызы дей Накылай деди ай
Ого бир алып эй берейин деди ай йа
Шилевкандай эй жеңесин деди ай йа
Өзүм бир алып эй алайын деди ай
Кырк жигитке дой кырк кызды деди ай йа Муну бир алып эй берейин деди ай».
Манас бир кайтып эй келди дейт деди ай
Ак Куртка туруп эй айтты дейт деди ай
«Болбоду Манас эй кайталык деди ай йа
Шилевкандай ай жеңесин деди ай йа
Маңа бир алып эй бергинчи деди ай йа
Накылайдай эй сулууну деди ай йа
Өзүң бир алып эй алгынчы деди ай йа
Кырк жигитке дей кырк кызды деди ай йа
Муну да алып эй берелик деди ай йа
Эми да кайтып эй кетелик деди ай йа»
Муну бир көрүп эй бул Манас а
Кат ачуусу дей келди дейт а
Кандуу бети дей нур чалып а
Ант ичкендей саргарып а
Уу ичкендей кубарып а
Алдыңгы ээрдин эй тиштейт дейт а
Үстүңгү ээрдин гездейт дейт а
«Ол нимине дей дегениң а
Ондой деле бокту дей жебегин а
Бу нимине дей дегениң а
Мундай да бокту дей жебегин а»
Алты өгүздүн эй терисин а
Алты кыл өргөн эй булдурсун а
Жети өгүздүн эй терисин а
Жети кыл өргөн эй булдурсун а
Бир путунан эй депседи ай йа
Бир путунан эй кармады ай йа
Путуну жулуп эй бургады ай йа
Онон да карма дей мунан тут а
Жалгыз гөр кылып эй койду дейт а
* * *
Саар менен эй копту дейт а
Талдыктын суу дей караса йа
О деле аздап эй калды дейт а
Көпүрүк суу дей караса йа
Бу деле аздап эй калды дейт а
Кырк жигитти дей бар эде ай йа
Жигирмасин эй бир жакка йа
Бир тең кылып эй койду дейт а
Как Кулага дей артты дейт а
Үстүгө ыргып эй минди дейт а
Шу камчысын алып эй «жүр деди дейт а
Кээ болбосун» эй деди дейт а
Туягын малып эй өтүү дейт
Шондо бир түшүп эй калды дейт а
Койон кушу дей көп экен а
- Шунда түшүп эй тургула йа
Үч ай үч күн эй туруңар а
Үч ай үч күн эй келбесем а
Төрт ай төрт күн эй туруңар а
Төрт ай төрт күн эй келбесем а
Беш ай беш күн эй туруңар а
Мен деле кайтып эй келермин,– дейт,
- Айланайын эй кан төрө йа
Үч ай үч күн эй мында эле йа
Нимнени жейбиз эй деди эле ай йа
- Ой куруган эй кырк жигит а
Үч ай үч күн эй дегеним а
Үч эле күн эй эмеспи ай йа
Төрт ай төрт күн эй дегеним а
Төрт эле күн эй эмеспи ай йа
Беш ай беш күн эй дегеним а.
Беш эле күн эй эмеспи ай йа
Беш күндө кандай чыдабай йа.
Шонон да жөнөп эй кетти дейт а
Как Куладай эй жаныбар а
Шонон да алып эй жөнөдү ай йа
Таласка барып эй жетти дейт а
Алты сан жылкы дей бар экен а
Жылкы аякка дей барды дейт а Эки жигит эй жатыптыр а
Бир кулагын эй жамынып а Бир кулагын эй төшөнүп а.
Кулагын айра дей чапты дейт а
- Пах, пах, пах, мунун чымыны не көп болот экен деп
Шонон кобо калды дейт Кобо калып караса
Шонон бир жигит турат
- Айланайын жигит дейт
Сен кайдан келген жигитсиң дейт
Талас дегендин жылкысы шу болот дейт
- Таластын жаңа (жаңга) минер аты кайсы дейт
Анан «Шо» (ошо) дейт, шонон барып кармады дейт.
Жал куйругун кести дейт
Эки жигитти мингизип
Таласка каратып жөнөтүп жүгөрдү дейт
Таң эртеси бар эде
Эки жигит жетти дейт
- Атаңа наалат Талас дейт
Энеңе наалат Талас дейт
Мындай бир арак эй ичкичен Талас а
Атаңнын канын эй ичсеңчи Талас а
Мындай бир арак эй ичкичем Талас а
Энеңнин канын эй ичсенчи Талас а
Мен да бир эрмин эй дейт эден Талас а
Сенден да эрлер эй бар экен Талас а
Эрди бир көрсөң эй ийесиң Талас а
Ыштаныңа дей сийесиң Талас а
Жылкыңды кууп эй кетти дейт Талас а
- Кайрыда эч кеп эй жок деди ай Талас а
Таң эртеси дей бар эде ай Талас а
Аркасынан эй келди дейт Талас а
Эки бээ союп эй кабакты йа
Шондо салып эй жатты дейт а
Муну көрүп эй бу Талас а
- Ич канчалык эй адам ай йа
Бу деле эмес эй экен деп а
Эки бээ союп эй о деле ай йа
Шондо бир жатып эй калды дейт а
Манас бир кооп эй карады ай йа
Кооп бир эми дей караса ай йа
Талас да келип калды дейт а
Бээнин гөшүн эй жеди дейт а
Дабылыны дей какты дейт а
Как кулага дей минди дейт а
Алты сан жылкы дёй түрүлүп а
Алдыга түшүп эй жүрдү дейт а
Көздөн да кайып эй болду дейт а
Талас бир кооп эй караса ай йа
Манас бир турмак эй топо жок а
Жылкы бир турмак эй топо жок а
Кырк канаттуу дей Карай Боз
Ону да минип эй жетти дейт
Аркасынан эй келди дейт а
- Айланайын эй жан жигит а
Айдаган жылкың эй алты сан жигит а
Атаңнын атын эй айтып кет жигит а
Энеңнин атын эй айтып кет жигит а
Катынның атын эй айтып кет жигит а
Балаңнын атын эй айтып кет жигит а
Уулуң болсо дей кыз берем жигит а
Кызың бир болсо дей уулум бар жигит а
Ач бөрүдөй эй ачкансың жигит а
- Куу бөрүдөй эй куупсуң Талас а
Алың бир жетсе дей алып кал деди ай йа
Атам бир тургай эй энем жок Талас а
Катыным тургай эй балам жок Талас а
О десе ого дей болбоду Манас а
Ойакка мойнун эй толгоду ай Манас а
Бу десе буга дей болбоду Манас а
Буйакка мойнун эй болгоду ай Манас а
Шонон бир жүрүп эй кетти дейт Манас а
Жарым бир жолго дей жетти дейт Манас а
Жарым жолго дей жеткенде ай Манас а
Шонон да кууп эй келди дейт Талас а
- Өкөбүз бир-бирибизди дей аталык Манас а
Сен өлсөң мен алып кетейин
Мен өлсөм сен алып кеткин,– дейт
Манас аттан ыргып түшүп
Ак дөшүнү (төшүн) кылайтып
Шонон бута болуп турду дейт
- Эртең тартып кеч коюп
Калмак ээр кашың көр
Как жүрөктүн башын көр деп
Жүрөктүн башыга коюп
Ээр токулгасыны шыпыра атты дейт
Талас да кобо калды дейт
Ак дөшүнү кылайтып
Түкмөлөрүн чыгарып
Пута болуп турду дейт
- Эртең бир тартып кеч койуп
Ок кыстырам белиңе
Орундай кеткиң элиңе Белек берем белиңе
Бекитип кеткиң элиңе
Калмак ээр кашың көр
Как жүрөктүн башын көр,– деп
Жүрөктүн башыга коюп ирмеди
Ойактан тутам буяктан тутам чыгып
Как Куланын токум терлигин алып
Аркасыга таңып
Как Кулага минип камер уруп
Давылыны какты дейт
Алты сан жылкы алдыга түшүп жөнөдү
Шонон бир жөнөп кетти дейт
Жарым бир жолго жетти дейт
Бир аң чеке адыр суу келди
– Кудай бир кудай эй дейт эдем а Кандай деле кудай эй дейт эдем а
Кудайым азыр эй турганда йа
Палакет кайда дей дейт эдем а
Мен өткүчө дей шундай тур
Мен өткөннөн эй шу кийин а
О тоо бу тоону дей такаган а
Кэтта көл болуп эй жатып кал а
Ол өткүчө дей турду дейт а
Ол өткөннөн эй шу кийин а
О тоо бу тоону дей такаган а
Катте көл болуп эй калды дейт а
Онон бир өтүп эй барды дейт а
Аркасынан эй жетти дейт а
– Кудай бир кудай эй дейт эдем а Кандай деле кудай эй дейт эдем а
Кудайым азыр эй турганда йа
Палакет кайда дей дейт эдем а
Мен өткүчө дей шундай тур
Мен өткөннөн шу кийин а
Чычкан бир мурдун эй каткысыз а
Чытырман токой эй болуп кал а
Ол өткүчө дей турду дейт а
Ол өткөннөн эй шу кийин а
Чычкан мурдун эй каткысыз а
Чытырман токой эй болду дейт а
Онон да өтүп эй кетти дейт а
Аркасынан эй жетти дейт а
– Кудай бир кудай эй дейт эдем а Кандай деле кудай эй дейт эдем а
Кудайым азыр эй турганда йа
Палакет кайда дей дейт эдем а
Мен өткүчө дей шундай тур а
Мен өткөннөн эй шу кийин
Асман мелжиген ак зоо болуп кал а
Ол өткүчө дей турду дейт а
Ол өткөннөн эй шу кийин а
Асман мелжиген ак зоо болуп эй калды дейт а
Шонон бир камчы дей салды дейт а
Жарым бир жолго дей жеткенде ай йа
«Бел (и) үзүлүп өлдү» дейт а
Талас да кайтып эй кетти дейт а
Манас да шонон эй жетти дейт а
* * *
Ой кырылган эй кырк чоро ай йа
Ой жоюлган эй жок чоро ай йа
Кырк бээни союп эй шондо дейт а
Кабакты салып эй жеди дейт а
Кырк атты кармап эй минди дейт а
Ого че Манас жетти дейт а
Эки бээ союп эй жигиттер а
Кабакты салып эй койду дейт а
Манас да жетип эй келди дейт а
Кабакты алып (салып?) эй келди дейт а
Биркеден чымчып эй жеди дейт а
- Ой кырылган эй кырк чором а
Ой жоюлган эй жок чором а
Чапчаң бир айдап эй жүргүлө ай йа
Эр Көкчө менен эй Алмамбет а
О да бир жетип эй келбесин а
Онон бир өтүп эй кеткиле ай йа
Зор берип айдап эй жөнөдү ай йа
Кырк жигит башы Кыргын Чал
- Айланайын эр төрөм а
Үйрүлөйүн эй жан төрөм а
Сен деле таза дей эмессиң а
Жаралу болуп эй келипсиң а
Сен деле жараңды көрсөт эй жан төрөм а
- Мен жаралы дей болбодум а
Тазамын айдап эй жүргүлө ай йа
Шонон да жүрүп эй кетти дейт а
Жарым бир жолго дей жетти дейт а
Жарым бир жолго дей барганда йа
Алмамбет менен эй Эр Көкчө ай йа
Бу деле жетип эй келди дейт а
- Өлдүм бир десем эй болбоңор а Життим бир десем эй болбоңор а
Мен жаралы дей болгонмун а
Ха деп бир айдап эй бериңер а
Манас да үйрүлөт экен деп
Талас дагы качат, ону жетип алгыла»
Өлдүм десе дей болбоду ай йа
Життим бир десе дей болбоду ай йа
Ха деп бир айдап эй барды дейт а
Алмамбет менен эй Эр Көкчө ай йа
О деле качып эй кетти дейт а
Ону да алып эй алды дейт а
Шонон да жөнөп эй келди дейт а
Төрт күнчүлүк эй барганда ай йа
Төрт күндү тоош берүчү ай йа
Үч күнчүлүк эй барганда йа
Гүркүрөп тоош берүчү ай йа
Ашуда айбарлы катты да Ак мазар а
Шондо бир жетип эй барды дейт а
– Айланайын эй кырк чором а
Шондо бир барып эй түшкүлө ай йа
Мени да шондо дей койгула йа
Анан да жөнөп эй кеткиле ай йа
Шондо бир жетип эй келди дейт а
Манасты шондо дей койду дейт а
Шондо бир жөнөп эй кетти дейт а
Хан Шоорук кызы дей Накылай йа
Ажап бир түштү дей көрдү дейт а
Бетини тытып эй алды дейт а
Шонон бир жөнөп эй келди дейт а
Хан Шоорук кызы дей Накылай йа Шондо бир жетип эй барды дейт.
- Айланайын эй кырк жигит а
Кой минген келет эй койкоңдоп а
Кой мингеннин эй ичиде ай йа
Коңурум Манас эй канаке ай йа
Тай минген келет эй тайтаңдап а
Тай мингеннин эй ичинде ай йа
Арстаным Манас эй канаке ай йа
- Туура Кырдын эй башыда ай йа
Тууган урук эй бар экен а
Туруп калды дей Манасың а
Кара деле Кырдын эй башыда ай йа Карындашы дей бар экен а Карап да калды дей Манасың а.
- Тайлагын кумга дей оонатып а
Төөнөн жакшы дей бар бекен а Шыбыр да шыбыр эй сүйлөшүп
Кыздан жакшы дей бар бекен а
Саар менен эй маараган а
Койдон жакшы дей бар бекен а
Онон көрө өлүп калды десеңер, – дейт (…)
Латын алфавитинен көчүрүп чыгып, басмага даярдаган Камбаралы Ботояров.
АЙТЫМДАР
Ат коюу айтымы Алловакпар, алловакпар, Алпейими дайым сактаар.
Теңирим давлат берди
Ааламга адам берди Ааламга адам келди,
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Кең пейилге перзент берди,
Касиети бассын жерди,
Берекеси баксын элди,
Көлөкөсү тапсын шерди, Азан айтып, атын коём, Теңир берген затын коём.
Уул болсо жовдон сактаар,
Эне эмизген сүтүн актаар,
Атаандашпай малын багаар,
Жерин айдап, данын табаар, Атасынын мээнет кайтаар, Алдына дулдул тартаар.
А кыз болсо – кырк жылкы;
Кийиз жасап үйүн жабаар, Энесинин ишин алаар,
Гүлдөй гүлдөп сайма саяр.
Уул бекен, кыз бекен?
Ким болду экен?
– Уул экен! Уул экен! Уул экен!
Ааламга адам келди Айыл, калаа сүйүнчү! Арыштаар кадам келди Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым!..
…Анакей отун келди!
Эмесе атын коём, Теңир берген затын коём: Отун алып баксын элди!
Жарыя айтам, отурчу, Аты болсун Отунчу.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Оо, Отунчу! Отунчу! Отунчу!
Аты болду Отунчу.
Калк сабына кошулчу!
ӨЛӨҢДӨР
Биринчи жигит:
Ээ-эй, өлөң башы дегенде өлөң башы Эл билбесин атыңы сен тыңдачы: Эшигиңден өтөмүн өлүп-талып Энең сезип койбосун тез ымдачы.
Экинчи жигит:
Ээ-эй, мен өлөңдү айтайын мындай кылып:
Оң көрүнгөн товдогу сувдай тунук.
Сени өстүргөн атаңа дагы ыракмат!
Бетиңди айдай, белиңди кындай кылып.
Үчүнчү жигит:
Ээ-эй, мен бир өлөң айтайын мындай кылып: Өң көрүнгөн товдогу сувдай тунук, Сени өстүргөн атаңа дагы ыракмат!
Көлдө сүзгөн апаппак куудай кылып.
Төртүнчү жигит:
Ээ-эй, мен өлөңдү айтайын шундай кылып: Тукка баскан төрт чарчы чымдай кылып, Сени үйрөткөн жеңеңе чоң ыракмат!
Мени жандап баспаган шумдай кылып.
Бешинчи жигит:
Ээ-эй, мен бир өлөң айтайын мындай кылып: Алпамыш да көтөрбөс нылдай кылып, Сени үйрөткөн эжеңе ыракмат дейм!
Сыр билдирбес керилген зымдай кылып.
КҮЙГӨН
Ээ-эй, өлөң айтам күйгөндөн эрингенде, Оюм пайсал бербейди керилгенде. От боломун өртүңө өрөпкүймүн Оромолуң төбөсү көрүнгөндө.
Ээ-эй, сыйынгандан Ала-Тов бийигине Мылтык ала жүгүрбөйм кийигине. Сулув кыздын дартине чыдай албай Тамекини тартамын күйүтүнө.
Ээ-эй, өлөң уксаң түгөнбөс – бизде белен Өрөпкүймүн, кыздарды көргүм келген. Каалаганча угуп тур карап мени Какшанамын күнү-түн сүйгөнүмдөн.
Ээ-эй, тескейдеги көк өрүк бышпас экен, Эки жакшы бир үйгө түшпөс экен. Эки жакшы бир жайга түшүп калса Өмүрүнүн өткөнүн туйбас экен.
Ээ-эй, атың өчкүр жокчулук – жаның айдар
Эр-азамат болсо да колун байлар, Алганы аянбаган арув чыкса
Ана ошондо дем берип көөнүң жайлар.
Ээ-эй, кумдаккана дегенде кумдаккана
Мен келемин өлөңүм ырдап кана,
Эч нерсени билбеген жани бала эдим Жалыныңа өрттөдүң ымда гана.
Эл оозунан жыйнаган
Калмурат Рыскулов
РЕМИ ДОР
ООГАН ПАМИРИНДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН КАЙРАДАН КАЧКАНДАГЫ ЭКИ АРМАНЫ
Ооганстанга советтик аскерлер басып киргенден кийинки аердеги алатопураң маалда ошол жактагы бардык эл тополоңго учурады го, айрыкча өз эли-жеринен ажырап, улуттук мурас, салт-сабырынан айрылган кыргыздардын тагдыры аябай эле оор болду.
Адегенде СССР тараптан, анан Кытай тараптан да чек аранын биротоло жабылышы Ооган Памириндеги түрк тилдүү көчмөн элди бир жерге камап, мурдагы улам жайытын оодарып, көчө-конуп мал бакмай көндүм турмушуна чек коюп, малынын азайышына алып келди. Атүгүл ошол катаал шартта бээ байлап саай албай калышты. Соода-сатык байланыштарын кайра түзүүгө аргасыз болушту. Эми кичине боор көтөрүп, эми бир аз тамырлай башташаары менен, албетте, алардын жашоого умтулушу жана кайра оожалышы аябагандай таң каларлык, мактоого арзырлык эрдик болгону менен да, кайрадан эле каардуу тарых аларга жаңы касирет алып келип, азгантай элдин коомчулугун түп-тамырынан бери титиретип, улам тозокко сала берди.
1978-жылдын июлунда Ооган кыргыздарынын Кичи Памирде туруучу тейит уруусу каптап келаткан алааматтан качып, Пакистанга ооп кетишти. Качпай өз жергесинде кала берген кыргыздардын да шору кайнады. Аларды, кошуна калк вахандыктар менен кошо Дүйнөнүн кыл чокусу аталган Памир жергесинен сүрүп чыгышып, ал жерди согуштук объектиге айландырды.
Ошентип 1300 ашуун тейиттер өздөрүнүн ханы Рахманкул менен Пакистанга ооп барышты. Жаңы жер алар үчүн отурук болдубу же түрмө болдубу? Бир топ мезгил бою жергиликтүү бийлик менен полиция аларды диний жана маданий жактан кысымчылыкка алды. Качкын калк үй-жайсыз, ишсиз калды. Калк калдастап, аргасы куруду. Америкадан отурук сурап, сүйлөшүүдөн оңдуу майнап чыкпаган соң аларды Түркияга барып жашоого өкмөттүн макулдугун алды.
1982-жылдын августунун башында алар Түркиянын түштүгүндөгү Карагүндүз жергесине келип, убактылуу отурук алышат. Кийин алар Аладаг тоосунун кыркасынан Алтын Дере өрөөнүнөн 320 чарчы чакырым жерге биротоло жайгашуусу тууралуу Түркия мамлекетинин чечимин алышты. Жайгашкандан тартып кыргыздардын түрк коомчулугуна камыр-жумур кошулуп, отурукташып, биротоло оожалып кетээри бышык.
Эми элдин назарына сунуш кылынып олтурган эки поэма тууралуу азыноолак түшүндүрмө бере кетели.
Бул эки узун сабак ырды мен 1984-жылдын 4–6-сентябрында Карагүндүздөн жазып алдым. Дастандын бири – «Асли ватан» (Эсил кайран Мекеним) Малек Рахманинин ыр менен жазган чыгармасы. Баса, анын Кутлу деген аты да бар. Мындан ары алардын аты да, улуту да түрктөрчө аталып кетүүдө. Экинчиси – «Көч жөнүндө» Кылыч Таабалдыга тиешелүү. Экөө тең тейиттерден, Рахманкулдун уругунан. Экөө тең отуздун бештеринде. Экөө тең экиден тил билишет: кыргыз тили – эне тили катары, анан фарсыдари тилин. Азыр алар түрк тилин үйрөнүшүүдө, сүйлөшө алышпайт, бирок окуп, жазганды өздөштүрүп алышкан. Жазууну үйрөнүп алышканы эң зарыл фактор, анткени аталган эки чыгарма тең мага кол жазма түрүндө берилди. Демек, бул жерде элдик оозеки чыгармачылык эмес, оозеки жаралган адабият тууралуу сөз башталат. Өз чыгармаларын окуп же жатка ырдап берерден мурда авторлор аларды жазып чыгышкан. Анын үстүнө тигил автор да, бул автор да эгер кат тааныбаганда эч качан бул чыгармаларды ушул түрүндө жаза албайт элек деп өздөрү моюндарына алышты.
Чын-чынына келгенде азыр бул кыргыздардын ырга деле шыгы жок, анчалык баштагыдай ырдагысы келбей калгансыйт. Анын себебин деле түшүнүү кыйын эмес. Ырас, кээде ырдоонун өзү азап-тозок алып келет деген ишеним болгону менен да негизги себеби түшүнүктүү.
Качып, жер кезип кеткен маалда жаралган бул эки дастанча тең 1979-жылы жазылган. Байыртан элдик оозеки чыгармачылыгы оргуштап келген элдин мүмкүн ушул дастандар эң акыркы чыгармалары болуп жүрбөсүн. Минтип айткан себебибиз, биз бул жерде өз Мекенинен тамыры ажыраган элдин чыгармачыл стихиясынан, эргүүсүнөн да ажырашына туш келип олтурабыз. Албетте, мындай абал биротоло эмес, убактылуу гана болуп калышы да ыктымал, мүмкүн эл жалпы жаңы шартка көнүгүп, жаңыча жашоого ыңгай алып тамырлап кеткен соң анын ыры кайра жаңырып, руху көкөлөп кеткиси бардыр. Бирок, жеке менин пикиримде, биз бая жетимишинчи жылдардын башында жолугуп, далай оозеки чыгармаларды жазып алган адамдардагы оргуштаган табигый чыгармачыл эргүүнүн отун алып калгандары жоктой сезилет. Мурунку муун болсо тирүүлүк менен биротоло кош айтышкан.
Формасы жагынан эки чыгарма тең кыргыздын салттуу ыр өлчөмүнө жатат. Ырдагы өзгөрүүлөр, маселен, анын куралышында, баарыдан мурда тилдин лексикалык бирдигинен кө-бүрөөк байкалат. Кыргыз тилинин ыр ыргагына ыңгайлуу жана так, туура келүүчү муун санак бирдиги андагы дари жана өзбек тилиндеги сөздөрдү огеле көбүрөөк колдонуудан улам бир топ бузула түшкөн. Ушул жагдай колубуздагы тексттердин артыкбаш адабиятташуусун жаратып, жасалма көркөмдүүлүгүн күчөтүп, ошол эле учурда баштатан келаткан оозеки ырдын табигый, чын дилден оргуп чыккан, жасалмасыз чынчыл касиетин басаңдатып салган.
«Асли Ватан» автордун өзүнүн жыргалдуу балалык кезин сүрөттөөдөн башталып, жаштык доору үркүн менен биротоло үзүлүшүн баяндайт. Кыргыздардын Памир жергесинен оошунун бир себеби алардын маданий-рухий салттарынын бузулушунан келип чыкты дегендей ой айтылат. Так мына ушул жагдайдын Малек тарабынан эң сонун ачылып бериши – алардагы таптакыр жаңыча ой жүгүртүүнүн жаралышын айгинелеп турат.
Андан ары Памирдеги бейкут турмуш сүрөттөлөт. Ал идея оогандыктарга кеңири таралган: «Ар кимге өз мекени Кашмир» деген ылакап менен үн алышып турат. Мекендеген жер өзүнчө эле «бейиштин төрү» катары даңазаланат. Пакистанга келишкенден кийин алар мурда эч качан оюна келбеген бейтааныш тилге, таптакыр башкача мамилелерге туш болушат, жүрүш-туруш өзгөрөт, кулк-мүнөз бузулуп, бейтааныш тамакка көнбөй ооруга чалдыгышат.
Андан аркы чоң үзүндү бизди кайрадан Памирге алып өтөт, асыл мекен Памирдин жерин, жаратылыш-табиятын арман кылып ырга салат, ошондогу кыргыздардын салтсанааларын эңсеп кусадар болот. Албетте, киндик кан тамган Мекенден ажыроо алар үчүн оңой иш болгон эмес, ар биринин өзөгүн өрттөгөн өктөлүү арманга айланган. Поэманын акырында өтөр өмүр менен катар эле салттуу арманга аралаш «өнүккөн» деп айтыла жүргөн коомго карата кейиштүү сын пикир айтылат.
Поэманын эң акыркы бөлүгү классикалык салттуу аяктоого дал келип, Мекенден, эркиндиктен ажыроо арманын философиялык ой-толгоолор аркылуу жыйынтыктайт.
«Көч жөнүндө» дастан адегенде эле бизге Рахманкулдун кадыр-баркы калк арасында канчалык бийик экендигин кабарлайт. Киришүүнүн өзүндө автор хандын уруксаты боюнча гана ырдап жатканын айтат. Андан ары элдин жашоо-тиричилигин башкарууда жана Пакистанга жер ооп жөнөөдөгү хандын ролун сүрөттөйт. Памир жергесинен Пакистанга жөнөөрдөн мурда Рахманкулдун Пакистан өкмөтү менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн да биз ушул үзүндүдөн билебиз. Үркүндө эптеп аман алып кеткен азыноолак малдан караманча ажырашканы да даана ырдалган. Жайыттын жоктугунан алар Гилгит менен Хунзада малдарын арзыбаган теңгеге алмаша берүүгө аргасыз болушкан.
Чынында эле кыргыздарга Бириккен Улуттар Уюмунан жардам келгенче бир топ убакыт өткөн. Так мына ошол касиреттүү маалда Рахманкул өзүнүн колунда калган байлыгынан айкөлдүк менен туугандарына жардам берип турган.
Кийинки үзүндүдө автор Памирде калган жерлердин аттарын арман кыла аңсап санап өтөт да Рахманкул тууралуу кыйыр түрдө сын пикирлер болгонун кыстара кетет. Мындан биз ошол үрккөн элдин арасында да пикир келишпестиктердин болгондугун көрөбүз. Алардын айрымдары бизди Пакистанга бекер эле айдап келди деп ханга доомат коюшкан, атүгүл жүздөн ашуун адам акырында кайра Памирге келе беришкен.
Бул дастанча Пакистан өкмөтүнө жана Пакистан элине ыраазычылык билдирүү менен аяктайт. Ал эми чын-чынына келгенде кыргыздар Гилгит менен Хунзада турган эл менен башка пакистандыктарды ажырата карашат. Гилгит, хунзалыктар исмаилчилерден жана алардын арасына сиңип кеткен ваххандыктардан турган да качкындарды жактырышкан эмес. Демек, ыраазычылык, албетте, башка пакистандыктарга багышталган.
Баарыдан да маанилүү маселе – бул эки документтин экөөнүн тең эң негизги касиети – өлкөдө болуп жаткан окуяларга карата оогандык кыргыздардын мамилесин жана көз караштарын, иш-аракеттерин бизге толук сүрөттөп, чагылдырып бергендигинде турат.
Адегенде алар айраң-таң эле калышат: коммунисттердин бийликке келиши тим эле жер көчкөндөй күтүүсүз окуя болот.
Рахманкулдун сырын жашырып, башкаларга билдирбей туруп капилеттен качып чыгышы, бизге, те, илгерки калмактардын ханынын эли менен бирге Орус жергесинен кайра качып, Кытай чегин көздөй сүрүлгөнүн аргасыздан эске салат. Ал тууралуу Том де Кинсэ өзүнүн «Татарлардын көтөрүлүшү» аттуу китебинде (Париж, 1984-ж.) абдан кенен жана даана маалыматтарды берген. Айырмасы эле калмактар аябагандай көп санда болсо, бул кыргыздардын саны азгантай гана эле.
Андан да дүйнөнүн чокусу Памирдик жергеден, көнүп калган Мекенден аргасыз кетүү арманы, өз жашоо ыңгайы, каада-салты, маданиятынан айрылуу азабы, дегеле жан-дилинен ажыроо муңу айтылат да акыры алла-тааланын буйругуна баш ийбешке чара жок, өзүбүздүн күнөөбүздү тартып жатабыз деген пикирге такалат.
Бул эки чыгарманын тексти эл башына түн түшкөн каргашалуу, касирети күч маалдагы кейиштүү армандан турганы менен да, эми Түркияда алардын шарты оңолуп, айрыкча Алтын Дереге отурукташкан соң, элдин байыртан келаткан орошон оозеки чыгармачыл салты кайрадан жаралып көкөлөсө экен деп чын дилимден тилеймин.
ТААБАЛДЫ
КӨЧ ЖӨНҮНДӨ
Ишанба (иусанда) көөнүн кечеси Качышка элдер шых болду ай. Анашул гапти укканда Ичиме дардам жык толду ай.
Анашул дартти айтайын,
Уруксат болсо Хан Ажым Анашул гапти айтайин.
Уруксат болсо хан ажым,
Кайсы го белден ашабыз?
Жакшылар кетти Аксууга, Гайып даттин баарини Лазим го кылып айтайин.
Кеңаксуу деген жер калды, Кош кошко мазар тең калды. Арзылап салган там калды Калам да шарип дэм калды.
Түндүгү түшпөй үй калды, Кең Мунара жеринде Назар го тийген көл калды.
Сыйынып шондо турушка Кайран го Кавыл чөл калды.
Балчыбек болду пашавыз, Уруксат болсо хан ажым,
Кайсы го белден ашабыз? Динибизди биз алып
Пакистан мүлкө качабыз.
Шу жерге келдик баш уруп Жокчулуктун дартинан Азоо го малга хаш уруп.
Кыргыздан катын алам деп,
Худага хата сүйлөгөн
Жаңы го бекти байлады, Алдыга салып айдады. Калкым го эсен кетсин деп, Үзүрет берген хан ажым. Өзүнөн жарак чыгарып Белдерге нафар шайлады. Душманды салды дамиге Худадан тилеп туралык Үсүрөт берсин ажыга.
Элиге сизче күйгөн жок, Адам го заттын баласы Сизчелик довран сүргөн жок.
Душмандардын алдында
Дана го мен деп бөлүнгөн.
Он эки имам кырк чилтен. Каалаган күнү көрүнгөн. Камбагалдын бааринда Кайыр го кылып аларга Жарим го кыран таңгэ жок. Камын жеген калкымдын Кадырын билер банда жок.
Кар болуп калкым кетет деп,
Кайры го берген унуну Закатин берген Алайда Намыңыз кеткен далайга. Пашалардын алдында Сыйасат менен гэп кылган. Бул бевафа калк үчүн Вахшишиң болсо бергин деп эки күн койбой зам кылган.
Алла го таала алдында
Савап го болуп хан ажым Американын кайрагын
Вахшиш ко алып келгенсиз.
Башында туруп өзүңүз Барабар бөлүп бергенсиз.
Пашадан ашык урматың Айланайын хан ажым, Алладан жансын кызматың. Оң мүрүңдө музур бар, Жыловуңда Хызыр бар.
Алла эгем ишиң жолдосун. Худайга ыйлап туралы Анашу Хызыр колдосун. Мурунгу өткөн заманда
Башкача бүткөн Аксуунун
Бэрэкэси бар эде, Авлыгасы жар эде. Бэрэкэси жоголду Көргөн күндөр шу болду.
Ойлогула жакшылар
Бу көргөн күндөр хуб эмес, Шу жердин калкы жув эмес. Аттаң-а Аксуу жүргөн жер, Олуялар жүргөн жер.
Авал го баар болгондо
Күнгөй го тескей гүл чайлайт,
Анашу гүлдөн айрылып Өтө го жайлоо тапкансып Акка го чыкты кайрылып. Оту го бир ай болгон жок
Бенасы(п) болуп калыппыз Өкүмат айдап койгон жок. Сейил го кылып келерге Аксуунун жолу банд болду. Назэрлэрим көп оноп Ичиме эле дарт толду. Дэрт толуп ашкы айткысыз Ыраа го келди кайткысыз.
Ата го мүлкүм калды деп,
Гам татып калдык белгисиз. Карып го болдук дегисиз.
Ширин го Ватан калды деп Муң тартып калдык белгисиз. Мусаапыр болдук тегисиз. Шу жерге келип кан болдук, Карааңа Аксуу зар болдук. Мурунтан урмат бир кылбай Худайга жазган жерим бар. Эрке го өсүп жүргөмүн, Атага кызмат мен кылбай.
Асыл го заттын мен жүрсөм
Ак жамбы арткан түйөга Башыма худай салды эде Хызматта болдум жүйэгэ. Жокчулуктун дардинан Асирет тартып болдум зар.
Арымдан өлбөй жүрөмүн
Алланын кылган иши экен Өзүмнүн пайка кызматка. Өз ватанда кылыкты Арка го жакка таштаңар.
Арз кылайын жакшылар Беш вакты намаз баштаңар.
Шул карыблык өмүрдө
Өз диниге кирсин деп Назими го кылдым билсин деп.
Күпүрчү панда жазганбыз, Авлийалар каалабай Кең Памир жерде азганбыз.
Көп сагындык өз жерди Сайил го кылып келерге Өкүмат чекил жүгөрбөйт. Ажал го жетип өлгүчө Арманым Памир түгөнбөйт!
Күңгөйгө тескей кумуру
Саратан айлар келгенде
Кызыл го жашыл гүл чайлап, Кумарың самап көргөндө. Аттаң-а Памир жүргөн жер Унут ко болот өлгөндө!
Өз ватандан ажырап,
Боздоп ко калдык аттаң-а. Тайлагы өлгөн нар бекен? Ойлогула жакшылар, Бизден да карып бар бекен? Мүсибет түштү барига ай,
Жазылган кисмат каламда
Биздин го ватан калды деп, Эли журт топур кайива.
Карып го калктын башыга Кастагандай иш болду ай, Түндө го көргөн түш болду ай. Камна кайип ийлава Жаниңди мынча кыйнава.
Отузга жашим кире элек,
Ойлобой пикир көп кылып Ак кирип кетти башыма.
Нохсан го урдум жашыма
Замана ахыр болгондо
Пашабыз хайыр болду деп,
Өз динини жоготуп,
Баш көтөргөн баарига
Орустан мухбир койду деп Эшитип уктук сөз менен.
Бадахшанда байларды Кармады койбой баарин дейт, Жабырга салды жанин дейт. Калкозго кылды малын дейт, Көргөндө баари тайин дейт.
Жабырга салды баарини, Ушуларга сыздайбыз Кулуга орус алды дейт.
Караан го калган сабилди
Ачкычы диндин Кабылды Мусулмандын кэнини Көл болгонун айтамин. Жаннеттей болгон Кабылдын Чөл болгонун айтамин.
Бул бейтаалай кыргыздын
Ыхвалын худай тайдырган.
Закир Шах деген пашабыз Мудара кылып кейиган.
Нургаптан вахшиш алдырган. Закир Шахнын барында Кабылга коюн айдаткан. Элине түркүк ажыны Оң көзүмдөй көрөм деп Колуга парман карматкан.
Азиз го мейман ажы деп Кавайылдын ичинде Мазары килем салдырган.
Чаманга коюн жайдырган.
Закир Шах деген пашанын
Кээси болду баарига,
Көрбөгөн жерге келиппиз Таракки деген кафирга.
Кывасын насип тахтыны Байласин худай бахтыны. Кеңаксуу деген жерибиз
Беватан кылды баарини. Тозуду биздин элибиз. Анашо жерди оңосок, Коргочуу болуп барабыз. Ага го тууган баариси Кайрылып кетти зор белде. Андаза кылбай билбеди,
Саламат көрсөк өз элди.
Ичкаман кеткен коомдун Кегенден алын сурайбыз.
Биз бу жакта мусапыр, Жараткан Аллах өзүгө Жалбарып ыйлап турабыз. Орозо айлар жылышты, Онобуда жок ички.
Саратан айлар жылышты, Сахавыда жок ички, Санабайт эдек шул ишти.
Чиркеп го жүргөн нар кана?
Колдотуп жүргөн мал кана?
Үстүгө тиккен үй кана?
Чадалаш конгон эл кана?
Жаннаттай болгон жер кана? Санабас жерге туш болдук, Канаты сынган куш болдук. Чөлүстан жерге туш болдук Бөдөнө деген куш болдук. Мазары азыр Памирдин Көрбөймүн айып жеринен. Замана ахыр нышаны Ынтымак кетти элиден.
Айванга берген имматин.
От-чөбүң алам, бергин деп Гүмүрөй болот бандаси ай. Жаратип алган жерим деп
Талаада жүрсө айдаган,
Короого келсе байлаган, Алам деп мылтык шайлаган. Захиби эгем берген жок Жерлүүлөр жүктөп келген жок. Мустакка чыгып карасам Эсилдин тоосу көрүнөт. Ону көрүп жакшылар Элөөрүп жашым төгүлөт.
Ижара берди суу тандай Алланын кылган иши экен Ашыкча тарттык биз кандай?
Кең-Секи кыштоо, Чаар-Таш, Мазары улуу Караташ, Көрбөдүм мындан ондойду ай. Анашо жерди ойлосом, Азирет тартат карып баш. Тарттык ко ватан азарин,
Бизден го өткөн хаталык – Харладык жердин мазарын.
Ойлоп бир жыйын кылалык, Ажыдан көрбөй бул ишти эй Алладан көрүп туралык!
Жаннеттей жерди бир таштап, Келишке ажы хош эмес. Ойлогула жакшылар, Динислам кафир дос эмес. Алыстан келген мимандар Тарылып тартып калат деп,
Тахсилдер койду сырлатып. Каниет кылсын Зыяны.
Ирасам берип жыргатып Зия Уль Хакк пашаны, Жеткизсин худай ыгыга.
Шахиншах болсун халкыга!
Таң койсун душман даңкыга. Зия Уль Хакк пашага Таң койду каршы душмандар.
Изафат кылды карып деп
Диниге бекем эр экен, Балчибектей кафирга Кайтарып берсек айып деп.
Пакистан деген мусулман,
Адилеттигин караңар
Танадар келет күнүгө, Ичиңер пикир гамбы деп, Алыңар Кыргыз кандай? деп…
Асли ватан Жаңы бир өскөн гүл эдем, Ватанимда бир заман.
Ойноп бир жүргөн бала эдем, От-төрдү аралап Көпөлөк кууган мен эдем. Капталымды сел алса Ишим жок жаман бала эдем.
Жашыл бир өскөн гүл эдем, Дүнүйанин аччыгын Билбеген жаңы, жаш эдем. Чоңойгон сайын дүнүйа Жаман жаңа көрүндү. Өзүнү тартып дүнүйа Аста-аста бөлүндү.
Зоройуп карасам,
Дүнүйа жаман башкача Мушуну маңа көрсөттү.
Кылычы менен чаппаса, Чоңойдум,
Көрдүм калба жарани.
Жана көрдүм мусаапырлык балээни. Тууган жерден ажырап, Тозудук энди ыдырап.
Болбоду энди айтайин Эй калайык, уккула Дардимди бери каттайын.
Эч банда биздей болбосун, Жараткан худа бандасин Мусафырлык кылбасын. Тирик туруп ватандин Айиргани дарт болду. Расим, үрпү-адатым Ойлосом эми жат болду. Өз уямдан ажырап, Талпынып кеткен куш болдум. Кеңчиликтен кубулуп, Тарчылыкка туш болдум. Киндик каным төгүлгөн, Ватанимби, жеримби?
Көк үстүндө жашаган,
Кыргызымбы, элимби?
Терип бир мүнөз айтайин, ватан.
Жаннаттегин каттайын, ватан! Ойлоп көрсөм энди мен, Жүрөгүмдө көп жара.
Көз салып го карасам, Көрүнбөйт энди Мунара.
Асманың ачык, кең эдең, ватан!
Дилимдин куваты сен эдең, Ватан!
Салкын сенин шамалың Вужудумдун куваты, Хайатимдин немати.
Таң сахарда сайраган торгойлоруң ойлонуп мен карасам.
Акташтан Алатоолоруң, Көгала моюн өрдөк-каз Айланып кетпес Чакмаккөл. Атрафиң көк шибер, Жадымдан кетпес Чакмаккөл. Шамал тийсе толкуган Жүрөгүмдүн толкуну.
Күн тийгенде карасам, Чакмак көлдүн салкыны. Биз келдик Гилгит жерлерге, Тили буру элдерге.
Терибиз биздин кар болду,
Асыл-асыл мылтыктар Майланбай эми заң болду.
Журтубуз биздин сар болду. Бадахшандан келген тулпарлар Мында келип кар болду. Памирдин асыл койлору Наркы онун пас болду.
Гүжүрдүн арык эчкиси Ашып бир бизге баш болду. Токулбай биздин ээрибиз Чарасынан бөлүндү.
Бул иштерге таң койом, Кыйын бир бизге көрүндү. Шамалбак биздин үзөңгү Күн көрбөй эми дат болду.
Башыбызга түшкөн иш, Кайгылуу парча кат болду. Бүлдүргөлүү камчыбыз Мыкка эми илинди.
Мурун айткан малыбыз Кадыры жокто билинди. Күмүш саптуу пычактар Толтосунан үзүлдү. Тагдыры худа башка экен Такпирибиз бузулду. Жанимиздин рахаты жаздан көрө кыш болду.
Хар түрлүү жолду билишке Бизге мүшкүл иш болду. Жеген бир ичкен ашыбыз Ичибизге турбады.
Чака чыгып баданда Гилгиттин суу ылгады. Эсен да болсун Пакистан Бизди койду жериге. Рахмат эми окуйлу Мусулман мунун элиге.
Муну мунда биз койуп
Ватандан эми айтайин, Гөзөл ширин ватанди.
Кыш кыштоом Мүлкали Кышта эми ким жайлайт?
Ат байлаган ахырга Атты эми ким байлайт?
(Жай) Жайлоом Кеңсеки Жазыда ого ким жайлайт? Козуларын көгөнгө Катарлатып ким байлайт? Аксууну эми ойлосом Ичибизге дарт толот.
(Күз) Күздөөм Кошөтөк Күзүндө ого ким конот?
Ар милдеттин үрфү-адаты Өз жериге жарашат. Жакпайт экен башка жер Кавагы менен карашат.
Башкалардын жеринде кылсаң энди салтанат, Өз жеринде тилемчи Болсоң эмди гамадат. Эмди мында токтойун, Ватанимди жоктойун. Асли Памир ватандин Табиятин айтайин.
Эки жүз у эллик үй Жамиятин айтайин.
Улар оту, кумуру Гүлдөрүнү айтайин. Бухарда сайраган Булбулдарын айтайин. Бетеге менен Кызыл-Бур Малларыны айтайин. Какыр чулдук, өрдөк-каз Турналарын айтайин. Ар түрлүү жыты бар Отторуну айтайин. Куушуп учкан бааки куш Бүркүттөрүн айтайин. Мүйүздөрүн айлантип, Кулжаларын айтайин. Уларлары оттогон Жылгаларын айтайин. Көздөрүнү карартып Аркарларын айтайин. Карлыгачча кара каш Торгойлорун айтайин. Шылдыраган шаркырап Сууларыны айтайин. Шыңкылдаган сулуу жар Кыздарыны айтайин. Ак шайы жоолук салынган Жуванларын айтайин. Ак калпак кийген кыргыздын Уланларын айтайин. Кызыл жоолук салынган Кыздарыны айтайин. Ватанимдин аялы – Уздарыны айтайин. Оймок, ийне колго алып Гүл кылганын айтайин. Такта кылыч менен эй Жүл кылганын айтайин. Темир комуз колуга алганыны айтайин.
Кыргыздын кызы кыйын кыз Чалганыны айтайин. Жигиттер(и) кыр кырдап Кой жайганин айтайин. Ашык жар деп дастанда Ыр койгонун айтайин.
Айлуу-Дөшү жерлерде . Жатканыны айтайин. Аксуунун дариясын Бойлогонун айтайин. Элим менен той-тойдо Ойногонум айтайин.
Пайге талаа даштарда Ат чапканым айтайин. Шикар кылып даштарда Уу атканым айтайин.
Сулууларга суктанып Жүргөндөрүм айтайин. Кыздар менен кармашып Күлгөндөрүм айтайин. Ак кагазга хаттаган Жерлеримди айтайин.
Ак карларга капталган Жеримди мен айтайин. Асли уруу бир кыргыз Элимди мен айтайин. Ватанимдин эми (мен) Байлыгыны айтайин. Ийри өркөч буура Тайлагыны айтайин. Жашаң жайлоо оттогон Койлоруну айтайин. Аргымагы канаттуу
Аттарыны айтайин. Элимнин жеген Тамактарын айтайин. Шербеттей болгон Каймактарын айтайин.
Кыргыз элим эл байы
Мусафир парварлик Хоштугуну айтайин. Мехманнавас элимдин Достугуну айтайин.
Тагдырымды хаттайын. Заманыма даттайын.
Маңдайыма чийилген Тагдырымы хаттайын. Башыма түшкөн хийра Алеемимди айтайин. Амалдооч фалактин Аздырганын хаттайын. Кара жерге какшатып Дар урганын хаттайын. Асыл өмүр акыбат Чал болгонун хаттайын. Жашыл гүлдөй соолуп Тал болгонун хаттайын. Каламдай каштуу кара көз Соолганын хаттайын. Тишим түшүп чачимдин Куарганын хаттайын. Жаңы бир чыккан алмадай Жаштигимди хаттайын.
Бул кетээр омурга Хоштугумду хаттайын. Карагайдай түз чыкканин Бойлорумду хаттайын. Жашчылыкта кылган эй Ойлорумду хаттайын. Чыкылдаган саатын Өткөнүнү хаттайын. Чарктай болуп фалактин Кеткенини хаттайын. Аз күн сени амалдап Хош кылганын хаттайын. Акыбети дарбадар Куш кылганын хаттайын. Ээрчитип өпкөңө
Тепкенини хаттайын.
Амалдар ээй азгырып Кеткенини хаттайын. Беш күн сага нобатти Бергенини хаттайын. Алтынчы күнү жеткенде Алганыны хаттайын.
Биринчи күнү сенин эй Шаблыгыңны хаттайын. Экинчи күнүндө Гадалыгың хаттайын.
Дүнйадаги ишлердин
Болгондорун хаттайын Житна ашып дүнйага Тойгонлорун хаттайын. Худанын жолун инсанлар Билбегенин айтайин.
Ирас сөзлөр кулакка Кирбегенин айтайин.
Калпчылардын жолуга Жүргөндөрүн хаттайын. Көзүм менен дүнйани Көргөндөрүм хаттайын. Камбагалсын, байсын деп Бөлгөндөрүн хаттайын. Душмандашып кармашып Өлгөндөрүн хаттайын. Балчыбек шум ортодо Пайда алганын хаттайын. Мусулмансын молдо деп Айдалганын хаттайын. Заман кимдин заманы Экендигин хаттайын. Каракчы менен уурунун Заманыны хаттайын.
Гүнакар кылып сени эй Жаздырганын хаттайын. Бу дажаллар сени эй Азгырганын хаттайын.
Тараккы болду дүнйа деп Таң калганын хаттайын. Нан табаалбай дунйада Тым калганын хаттайын. Жакшылардын дүнйада Харлыгыны хаттайын.
Акылдуу заман азырдын Тарлыгыны хаттайын. Айван сыпат бекайа Болгондорун хаттайын. Ушак менен гийваттын Толгондорун хаттайын. Аксакалдар урматы Калбаганын хаттайын. Ата-эне сөздөрүн Албаганын хаттайын.
Инсан да ирай а пендеси
Жыртылганын хаттайын. Гүзаран овкат кыла албай Кыркылганын хаттайын. Кара калам колго алып Даптаримди хаттайын. Ичимдеги карайы Дартларимди хаттайын. Кыйын заман кайгыга Туш болгонун хаттайын. Түрк элимдин жаханда Кул болгонун хаттайын. Түрклердин эй таалайын Таш болгонун хаттайын. Түрк атымды өчүрүп
Мухажир деп хаттайын Заманы Бабур Темирди Бахадур деп хаттайын.
Жүз жылдан бери Түрк элим Мухажыр деп хаттайын. Беганалар жериде Мусапыр деп хаттайын. Айагыбыз үзүлбөй
Качканымды хаттайын.
Жер табалбай кыдырып Басканымды хаттайын. Кара казан кулагы Төрттүгүнү хаттайын. Сачыбыздан кайгыбыз Көптүгүнү хаттайын.
Бул жаханда шайтанат Кытмылдыгын хаттайын. Бөдөнөдө үйү жок Бытпылдыгын хаттайын. Ошо зирек ырчыны
Эми мен ээй жаттайын.
Асили ватан жер кана?
Тааныш эй билиш эл кана? Короо-короо кой кана?
Кошмок оо өркөч төө кана?
Туйлаган тулпар ат кана?
Коштогон белек хат кана?
Мөөрөгөн торпок, тай кана?
Памирдей асыл жай кана?
Ак өргөөдөй үй кана?
Аксуудай жакшы жер кана? Алыстан ээй көрүнгөн
Акташтай кызыл кыр кана?
Кымызы айран ак кана?
Көлкүгөн асман кең кана?
Көгөргөн шибер көк кана?
Ак буудай сепкен жер кана?
Миң зерлеп алган зер кана?
Кырман о кырман жай кана?
Жалаңач калаа мал кана?
Мехнет о захмат бул кана?
Айдамин сахард ол кана?
Бостанын багы бул кана?
Лал-е Бадахшан кана?
Мазардын кызыл гүл кана? Маркезиң Кабыл бул кана? Муңайтып мени ээй ырдаткан Муссапыр менин элимби?
Кайгыртып мени ырдаткан Караң го калган жеримби? Зарланып мен ээй ырдаймын Заманым шол ээй болуптур.
Ырдабай кандай ээй кыламын?
От койсоң күйүп чок болот, Эр жигитти ырдаткан Караң калган дарт болот. Бир кылдай өтпөгөн Эки жүздүү дүнийа.
Вафасы болбойт бахуда. Бу фалактан инсанлар Ийлавай кеткенби?
Бу дүнийанин түбүгө Диктатор чахлар жеткенби? Айтсам-айтсам көп гап бар, Койойун эми кыссаны. Каламымды тартайын, Жоготойун кыссаны…
Ч.ӨМҮРАЛЫ УУЛУ
УЛУКМАН ТУУРАЛУУ УЧКАЙ СӨЗ
Өлбөй турган адам жок, Мурункунун бары өттү. Үч миң жыл жашап Улукман, Аким табып кары өттү…
Бул Макый атамдын ыры. Ар бирибиз бала кезден ушул өңдүү ырларды, ар кыл баяндарды угуп чоңойдук. «Уу коргошун дары экенин билсем уулум өлбөй калмак экен» деп зарлаган ыйын эшиттик. Бирок ал кайсы Улукман? Алиге дейре кыйлабыз кайсы Улукман тууралуу сөз жүрүп жатканын анча баамдай бербейбиз. Анткени кечээги орто кылымдагы улуу табып Ибн Сина да жумурай журтка Улукман ысымда тарап кеткен. Акыйкатта бул легендага айланып кеткен атактуу дарыгердин байыркы Улукман акимге салыштырылып айтылганы. Чыныгы Улукман акимдин кабары бизден оо канча алыста, биздин доорго чейинки замандарда жатат. Араб фольклорунда арбын учураган түбү тарыхый инсан. Анын даанышмандыгы, табыпчылыгы жөнүндө аңыз ооздон-оозго көчүп жашаган. Анын касиеттүү ысымы Ыйык Куранда айтылат. Курандын 31-сүрөөсү «Улукман сүрөөсү» деп аталып бардыгы 34 аяттан турат. Мындан тышкары көптөгөн насыйкат сөздөрү өз бетинче да, пайгамбарыбыз Мухаммед алей салам тууралуу хадистерде да көп учурайт. Бар пайгамбарлардын баянын сүйлөгөн белгилүү «Кысас ал анбия» китебинин бир баяны Улукман акимге багышталган. Улукман акимдин насыйкат сөздөрүнүн биздин турмушубузга киргени ушунчалык; ал алиппедей эреже чындыкка, аксиомага айланып кеткен. Калктын кылымдан келаткан нарк-насилине табигый айкалышып өнө боюна кыналып калган. Байыган. Буга анын «Насыйкатына» бир көз жүгүртүп чыккан адам оңой эле ишенет. Адамдын адеп ахлагын кулк-мүнөзүн түзөөдө кыйла роль ойногон. Анын даанышмандыкка тунган насааттарын айтпай-ак кадимки эле жай турмуштук маани-маңызга каныккан сөздөрүнө баам салып көрөлү: «Жеңиң менен мурдуңу сүртпө», «Оозу-мурдуңу чукуба» (киши алдында), «Эл көзүнчө какырынба», «Улууга акыл айтпа» ж.б. Бул не деген жөнөкөй жана улуу маданият. Мындай жөнөкөй эле нерселер улуу даанышмандын даражасында айтылгандыктан ал кары жаш дебей кандай адам үчүн болсун милдеттүү мыйзамга айланган, тарбиялык мааниси миң эселеп артылган. Жүрүм-турумдун ушул бир жылт көрүнүшүнөн эле адамдын тарбия көргөн же көрбөгөнү урк-насили, жеке пенделик касиети баамдалган. Ошентип адамды адам кылуунун миңдеген жылдарды камтыган узак жолунда муундан-муунга аздектелген Улукман акимдин өнөгөлүү өмүрүнүн, даанышман сөздөрүнүн тарыхта айгине орду бар. Улукман аким тууралуу окурманды кабардар кылуу максатын көздөп «Кысас ал анбия», б. а. «Пайгамбарлардын баяны» аттуу китептен Улукман аким баянын жана уруятка чейин Казандан перси менен түрк тилдеринде жарык көргөн «Улукмандын жүз насыйкаты» аттуу китепти кыргызчалап тартуу кылууну эп көрдүк.
Улукман Аким баяны
Улукмандын атасы Багур, анын атасы Азар эле. Бу Азар Айуб алей саламдын кыз бир тууганынын уулу эле. Дагы бир айтымда Айуб алей саламдын энеси менен жатындаш бир аялдан туулду эле дешет. Миң жыл өмүр сүрдү. Дөөт алей саламдын заманында тирүү эле. Дөөт алей салам менен кыйла кезең чогуу болду жана андан таалим алды. Бир курдай Дөөт алей салам күбөөкү жасады. Тамам бүтүргөн соң аны Улукман алей-салам кийип көрүп: келишкен бир жоо кийми болгон экен деди, башка эч сөз айтпады. Дөөт алей салам айтты: ал самат хикмат вафа алха кылыл, йагаи экметтен кур болуу, же экмет айткан аз демеги. Мындайды ким көрүнгөн жасай бербейт деди. Экметтүү деп илим менен кемелденген жана да такаат кадырлуу, бек артыкчылыгы барды айтат.
Эски накыл: Улукман алейсалам бир күнү түш көрдү. Түшүндө кайыптан үн жетти:
- Йа Улукманым, сага пайгамбарлык керекпи же калийпа болуп жер жүзүн бийлеген өкүмдарлык керекпи? Улукман алейсалам айтты:
- Экөөнөн тең эсен-соо, саламатчылык артык. Пайгамбарларга пайгамбарлык менен кошо ар балээ бирге келер, өкүмдардын да балаасы башынан артык. Агер адил өкүм кылса ырас, а кокус заалым болсо оруну тозоктодур. А көрөк дүнүйөдө кордук көрүп акыретте азиз болгонум артык деди. Ошондон соң Улукман алейсалам уйкудан ойгонду. Ойгонсо Ак Таалам анын энчисине илим менен экметта жазды. Кай бирлер: Улукман алейсалам пайгамбар да, экмет ээси да эле деп айтышат. Кай бирлер пайгамбар эмес аким дешет. Алла Таалам айтат: бизге шүгүр кылсын үчүн Алла Табарака ва Таала Улукманга илим менен экметти анык бердик, мен деп шүгүр кылганы өзү үчүн шүгүр кылганы, же ырыскысы дайым болуп жана да артылмагы, мейли менден жүзүн бурсун акыйкатта Алла Табарака ва Таала аргасыз шүгүргө да муктаж эмес.
Барча макулуктун хал тили менен макталган Улукман алей саламдын экмет кебин Алла Табарака ва Таала каламы шарипте мындай деп баян кылат: Улукмандын кысасын айта жүр сен, эй Мухаммед.
Ошол кездерде Улукман өзүнүн кичинекей уулуна насыйкат айтты:
- Эй менин кенже уулум, Алла Табарака ва Таалага шерик болбогун, акыйкатта Алла Табарака ва Таалага шерик болуу ченсиз заалымдык. Мындай бир имиш бар: Улукман алейсаламдын бир уулу каапыр эле. Улукман алей саламдын насыйкаты менен ал мусулман болду. Улукман алей саламдын жайын айткан рабайат боюнча анын үч уулу бар эле. Ысымдары Анам, Ашкэм жана Масан эле. Улукман алейсаламдын уулуна айткан жана мындай экмет сөзү бар:
- Эй менин кенже уулум изгилик менен жалганарасы мейли кылдан ичке болсун ал мейли катуу таш ичине катылсын, же болбосо көктүн бир жашыруун жерине төнсүн, болбосо жердин жети катарына житсин Алла Табарака ва Таала изгилик менен жалгандын жүзүн ачып ага ылайык ыракым же жаза берет. Акыйкатта Алла Табарака ва Тааладан жашырып калаар нерсе жок, ар иштин чын-төгүнүн көрүп турат.
Дагы: – Эй менин кенже уулум, намазды чын берилип, өтө изгилик менен оку. Дагы: макүрөө иштен өзүңү тый. Бирөөнүн пайдасын көздөп арам ишке баспа. Кетирген каталыгыңа сабыр кыл, акыйкатта Алла Табарака ва Таала буюрган иштерге сабыр кылмак убажип. Бирөө менен сүйлөшүп атканда текеберленип жүзүңдү башка жакка бурба. Обу жок шаттана бербе, акыйкатта Алла Табарака ва Таала ыксыз шаттыкты сүйбөйт. Дагы: жүргөндө орточо жүр, ашыгып шашпа да, акырын кыбыраба. Дагы: дабайыңды бас, кыйкырып сүйлөшпө, айкыргандан утса эгер эшек утпайбы.
Дөөт алей салам Улукман алейсаламга: бир кой союп эң чүйгүн жеринен эки кесим эт бышырып кел деди. Улукман алейсалам койдун тили менен жүрөгүн бышырып алып келди. Дагы бир нече күндөн соң: Йа Улукман, эми койдун эң чүйгүнсүз жеринен эки кесим эт бышырып алып келчи деди. Улукман алейсалам жана да тили менен жүрөгүн бышырып алып келди. Анда Дөөт алей салам айтты:
- Эң чүйгүн жеринен десем да, чүйгүнсүз жеринен десем да тил менен жүрөгүн бышырып келдиң, мунуң кандай? – деди.
Анда Улукман алей салам:
- Йа Расулулло, эттин эң чүйгүн жери да, чүйгүнсүз жери да ушул экөө болсо канттим. Башкасы бүт ушул экөөнө байланыштуу. Мейли адамдын, мейли айбандын болсун тили менен жүрөгү жакшы болсо башкасы да жакшы, жаман болсо жаман. Вахаб уулу Манба расулуллонун айтуунча Улукман алейсалам узун бойлуу, узун тыштуу бир кара изги адам эле. Бир балта устанын кулу эле, өзү да балтачы эле. Кийин Улукман алей саламдын энчисине илим, экмет буюрган соң барынан азат болду. Күндөрдүн бир күнүндө бир киши айтты:
- Эй Улукман, сен бирөөнүн кулу элең эмне болуп бу даражага жеттиң? – деди. Анда Улукман алейсалам айтты:
- Жалган сүйлөбөдүм, аманатка кыянат кылбадым, ошол себептен бул даражага жеттим, – деди. Агер Улукман алейсаламдын аманатка кыянатчылык кылбадым дегенинин маанисин чечмелеп отурсак өзүнчө бир улуу китеп болоор, ток эткен жери бу: Алла Табарака ва Тааланын моюнга парыз кылган бардык нерсесин кылдым. Тыйган ишинен тыш болдум, арам иштен алыс болдум, күмөн жолго баспадым дегени.
Икая: Улукман алейсалам адамдарга карыз берүүчү эле. Күндөрдүн бир күнүндө бир киши келип миң алтынды карызга алды. Анан алтынды алган кишинин көңүлүн иблис бийлеп аны азгырды. Алган карызын бербеске ниети ойгонду. Жолдо баратып эс алган жерде алтын капчыгын четке коюп жатып бая бүтүмүнө чындап бекиди. Ошондо ободон бир куш шукшурулуп түшүп алтын капчыкты илип кетти. Илип кетти да тупатуура Улукман алейсаламдын үстүнө таштады. Улукман алейсалам капчыгын тааныды. Карыз алган бая киши да жүгүрүп келип:
- Йа Улукман, куш алтынды мында алып келдиби?
- деди. Улукман алейсалам:
- Ооба, алып келди, бирок эми саа кайтарып бербеймин. Сен алган карызыңды бербеске ниет кылдың,– деди. Бая киши көңүлүндө тобоо, ыстыкпар кылды. Агер эми берсе албетте кайырып кайра берээр элем деп көңүлүндө ниет кылды. Ошондо Улукман алейсалам алтынын кайра берди. Ал киши андан көп пайда көрдү, акыры өз жолу менен кайтарып берди.
Икая: Улукман алейсалам бир күндөрү башка вилайатга сапар жүрмөкчү болуп уулуна үч осуят айтты:
- Эй уулум, аялга сырыңды айтпа, жаңы байдан карыз алба, куштан менен дос болбо,– деди.
Акимдин уулу да аким эле. Атасынын айтканын тажрыйба кылып көрмөк болуп бир күнү талаада жайылган өз коюнун бирин союп, этин бышырып капка салды да үйүнө көтөрүп барды, оозун бууп койду. Жана барып жаңы байдан карыз алды. Шаар акиминин жакын бир куштанына дос болду. Анан бир күнү Улукман акимдин уулу үйүнөн чыгып кетти. Ал кеткенден кийин катыны капта эмне бар экен деп карамакчы болду. Каптын оозун чече албады. Эри кайтып келген соң каптагың эмне эле деп сурады. Анда Улукман алейсаламдын уулу айтты:
- Ээ сүйүктүүм, эмнесин сурайсың. Талаада биркиши менен сөздөн-сөз чыгып отуруп талаша кеттик. Акыры өлтүрүп тындым. Муну жан адамга оозана көрбө, сага гана айтканым,– деди. Ошондон бир эки күн өтпөй катыны менен талашып тартыша кетти. Катыны айтты: – Керек болсо өзүмдү эле эмес сени да бийлейм,– деди. Эри: – Кана бийлегениңди бир көрсөтчү,– деп ачууланган болуп аялын башка урду. Катыны ошол замат үйдөн жүгүрүп чыгып «о кокуй, эл журт, жеди-и» деп бакырды. Жөн бакырбай «бу менин эрим балан күнү бир кишини өлтүрдү эле, эми бүгүн мени өлтүргөнү атат» деп албууттанды. Калк жыйылды. Бул кабар шаар баштыгына да жетти, ал: кана Улукмандын уулун кимиңер мында алып келесиңер деди. Ошондо баягы Улукман алейсаламдын уулу менен антташып аш ичишкен куштан мен алып келем деп ордунан ыргып турду. Анан Улукман алейсаламдын уулун барып тутту:
- Бас, сен киши өлтүрүпсүң, аким өзүнө чакырып атат,– деди. Улукман акимдин уулу: – Эй достум мени эптеп бир жолун таап качыр, – деди. Болбоду. Акыры жолго алып чыкты. Улукмандын уулун акимге алып бара жатканын жаңы бай көрдү. Жүгүрүп жетип менин аласамды берип кет деп асылды. Ага карызын берди. Ошентип акимге да барышты. Аким:
- Эй Улукман акимдин уулу, кылмыш иш кылыпсың, мындай иш сага ылайык эмес эле, эми мунун кысасы үчүн өзүңдү өлтүргөндөн башка айла жок ко деп айып такты.
Анда Улукман акимдин уулу айтты:
- Туура, шариатка ылайык иш болду. Эми өлгөн кишинин жаракаты кандай болсо мени да ошондой кылып өлтүртүңүз,– деди.
- Ал өлгөн кишиң кайда,– деп сурады аким. Анан баягы капты мында алып келтиртти. Оозун чечип карашса бышырылган кой эти чыкты.
- Бул эмнең,– деп сурашты тургандар. Ошондо Улукман акимдин уулу атасы айткан осуятты кайталап, аны тажрыйба кылганын айтып берди. Угуп отургандар бу баяндан өзүлөрүнө сабак алды.
Дагы мындай бир икаяны айтышат. Бир заалым падыша Улукман алейсаламды кыйыктап аны бир бек орго салдырып ордун үстүн жаап, анын үстүнө дагы эгин эктирип таштаптыр. Арадан анча өтпөй бая заалым падыша опаат болуп ордуна экинчи бирөөнү падыша кылышты. Ал ичимдикке ышкылуу эле, бир кур ичип жеп отуруп жилик чагып жеймин деп атып сөөккө какады. Бу сөөктү алып салганга эч бир табыптын алы келбеди. Акыры бир көптү көргөн карыя келип: – Эгер Улукман аким болгондо сөөктү алып салмак эле деди. Анда падыша: – Улукман дегениң ким, ал кайда,– деп сурады. Карыя айтты: – Сенден мурунку падыша аны тирүүлөй орго көмдүрүп үстүн бастырып салган. Анын көмүлгөнүнөн бери жети жыл өттү, балким тирүүдүр, өтө акылдуу, аалым табып эле, мүмкүн өзүнө да бир чара тапкан чыгаар,– деди.
Падыша ордун үстүн ачтырып Улукман алейсаламды чыгартты. Өлбөптүр, бирок абасы таза болбогондуктан алы кетип куруптур. Бир нече күн өзүн-өзү баптап таптап оңолду. Андан соң падышага айтты: – Сенин ооруңдун дабасы балаңдын жүрөгүндө, ошону бышырып жесең айыгасың,– деди.
Падышанын бешенеге бүткөн жалгыз уулу бар эле. Аны өлүмгө түк кыя албады. Анда увазирлери айтышты:
- Йа падышабыз, дарак куурабаса бутагы дагы чыгаар. Агер дарак тамырынан куураса бутак айласы нетет? Ошентип отуруп кыйла насыйкаттан кийин падышаны ийге келтиришти. Ошондо Улукман аким: – падышанын уулун байлагыла,– деп буюрду. Падыша өзү өксүп ыйлап карап турду. Улукман аким:
- Йа падышам, минтип карай берсең акылыңдан жазаарсың,– деп көзүнө жоолук байлатты, анан дароо тез бир кой алып келгиле деп буюрду. Койдун аягын байлап «бисмилла, аллоуахпар» деп чалып жиберишти. Ысык кан булоолоп чачырай бергенде падыша бу азапка чыдабай «вай» деп бакырып ийди. Тамагындагы бая сөөк ыргып кетти. Ошондо болду, бүттү дешип падышанын уулун көшөгө соңунан чыгарып атасына катар коюшту. Падыша уулунун эсен-соо экенин көрүп катуу кубанды. Улукман акимдин акылына барчасы айран-таң, ыраазы болушту. Падыша болсо Улукман акимди бек сыйлап, урмат көрсөтүп, көп мал берди.
Икая, Улукман акимден сурашыптыр:
- Сен мындай адепти кимден үйрөндүң?
Улукман аким: – Адепсиздерден үйрөндүм, дайыма ибаарат ишке көңүл бурдум,– деди. Улукман алейсалам аалым, акылман, адеп ээси болгон себептүү каламы шарипте: «Валкад атинаа Лукмаана ал хикмата ан ашкиралла» – Улукманга илим менен экметти анык бердик деп баян кылынды. Илим, не көркөм пазылет түбү амал кылмак үчүн керек, ал илим көздөө амал кылуу үчүн эмес дүнүйө-оокат үчүн болсо анда өтө өкүнүчтүү.
Улукмандын жүз насыйкаты
Улукман акимдин бу насыйкаты өзүнүн баласы үчүн.
- Эй атанын уулу, авал атаң – кудайың экенин тааны.
- Насыйкаттан эмне уксаң оболу ошого карап иш кыл.
- Сөздү өлчөмү менен сүйлө.
- Калкыңдын кадырын бил.
- Бирөөнүн акысын жебе.
- Сырыңды сактап тут.
- Жоро-жолдошуңду пайда, зыян тартканда сына.
- Досуңду кыйын күндө сына.
- Акмак менен наадандан алыс кач.
- Зирек жана билимдүү дос күт.
- Изги ишке чындап кириш, туруктуу бол.
- Аялга ишенбегин.
- Кеңеш кылсаң түз жана билимдүү кишилер менен кыл.
- Сөзүңдү далилдүү айт.
- Жаштыкты оңой олжодой бил.
- Жаштыгың барда эки ааламдын ишин бүтүр.
- Дос-жараның урматтап күт.
- Досуңа да, касыңа да кашыңы ачык тут.
- Ата менен энени канымет бил.
- Устатыңды атаңдай артык сана.
- Капчыгыңа карап иш кыл.
- Ар иште токтоо бол.
- Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.
- Мейманга каалашынча кызмат кылгын.
- Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый.
- Кийим, боюңду таза тут.
- Калкың менен катар жүр.
- Балаңа илим менен адеп үйрөт.
- Ыгы келсе ат чаап ок атканды үйрөт.
- Оң буттан кийип сол аяктан чеч.
- Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.
- Түндө сүйлөсөң акырын жана жумшак сүйлө,күндүз сүйлөсөң жанжагыңа карап бак.
- Аз жеп, аз уктап, азыраак сүйлөгөндү адат кыл.
- Өзүңө каалабаганды бирөөгө каалаба.
- Иш кылсаң орду менен кыл.
- Үйрөнбөй туруп устаттык кылба.
- Катын менен балага сыр ачпагын.
- Бирөөнө түгөл ишене бербе.
- Жаман адамдан жакшылык күтпө.
- Ар ишти акылга сал.
- Бүтө элек ишти бүттүм дебе.
- Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
- Өзүңдөн улууну шакаба чекпе.
- Улууга акыл айтпа.
- Билимсиз топорго бийлик бербе.
- Сурап келсе кол каратпа.
- Өткөн чатакты эске салба.
- Киши изгилигин өз изгилигиң менен чаташтырба.
- Малыңды санатпа.
- Туугандан кол үзбө.
- Калыс адамга кайбаат айтпа.
- Жеке камыңды жей бербе.
- Калкың түшкөн багыттан сен да калба.
- Оозу-мурдуңду чукуба.
- Калкыңа карап таш ыргытпа.
- Эл көзүнчө какырынып-түкүрүнбө.
- Эсинесең оозуңа алакан тут.
- Калк алдында какшанбай сүйлө.
- Эл көзүнчө мурдуңду көөлөбө.
- Калжың кошуп кайран сөздүн баркын кетирбе.
- Калкты калк алдында жер каратпа.
- Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
- Айтылган сөз кайрылбайт.
- Шылдың сөздөн сактан.
- Киши алдында мактанба.
- Эр болсоң аялдай сыланба.
- Балаңдын ою менен боло бербе.
- Тилиңди тишиңе кат.
- Колуңду силкпей сүйлө.
- Ар кимдин урматын тааны.
- Жакшыга жанаш, жамандан кач.
- Көзү өткөндү жамандаба.
- Колуңдан келсе араздашпа.
- Күч териштирбе.
- Изгилердин ишинен күнөм издебе.
- Өзүң экпегенди киши дасторконунан жебе.
- Иш баштасаң ашыкпай аягына чык.
- Дүнүйө үчүн башыңды машакатка малба.
- Өзүңдү тааныбасаң да өзгөнү тааны.
- Ачууга алдырса да сөздүн артын байкап айт.
- Жең менен мурдуң сүртпө.
- Күн чыккан соң уктаба.
- Каратып коюп тамак жебе.
- Жол жүргөндө улуудан озбо.
- Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
- Тизеңди жазданба.
- Оң-солго алактабай бет алдыңды карап бас.
- Башыңа иш түшпөсө жылаңач минип аттанба.
- Конокто отурсаң бирөөнө ачууланба.
- Конокко иш кошпо.
- Эсиргенге сөз айтпа.
- Ишсиз, абройсуз адамдар менен кошуна болуудан кач.
- Ар кайсы ишке аброюңду сала бербе.
- Ыксыз бой көтөрбө.
- Бирөөнүн кусаматына калба.
- Майдан жолдо маңыроо болбо.
- Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.
- Өзгөнү байгамбар кыла бербей, өзүңдүн баркыңа жет.
- Бирөөнө бой көтөрбө.
- Теңири Таалага ыраазылык менен тирлигиң өткөр. Напсиге эрк менен, калкыңа ынсап менен, улууга кызмат менен, кичүүгө шапаат менен, бакырга жоомарттык менен, дос-жаранга насаат менен душманга чыдам менен, нааданга сүкүт менен, аалымга таазим менен тирлигиң кыл. Бирөөнүн малына сук артпа. Малым азайды деп чөкпө, малым көбөйдү деп көппө.
Улукман үч миң сөз насыйкат айтты. Алардан болгону үч сөз шайлап алгын. Экисин эсиңе тут, бирин унут. Жана да Алла Таала менен өлүмдү ар убак эсиңе тут, көр тирликтеги ыза, күлкүңдү унут.
Азирети Улукман жана минтип айтты: Сүкүт жети касиет тутат деди.
- Кийимсиз зыйнат (б. а. сырт турпат, кийген кийим зыйнатка тиешесиз. Чын зыйнат андан бийик деген маани.).
- Падышалыксыз мухаббат. (Акка болгон ышкы, мухаббат күч-бийликке карабайт, андан бийик.)
- Мээнетсиз ийбадат. (Акка тооп, сыйынуу-табынуу изги, чын ыктыяр иш. Ал күч-мээнетсиз ишке ашаар нерсе.)
- Кыймасыз коргон. (Тозуксуз коргон, б. а. өзүнө-өзү коргон.)
- Азар тилөөдөн каластык. (Себеп-шылтоодон арылган, андан бийик.)
- Урматтуу жазуучу периштелердин жазуусунан кутулмак. (Адамдын оң, сол ийининде анын ак, кара ишин, ооздон чыккан жакшы, жаман кебин тынымсыз жазып турган эки периште бар делет. Сүкүт салган адам, б. а. үнсүз өзүнө чөгүп Ак жолуна түшкөн жымжырт пенде периштелердин ошол жазуусунан кутулган, арылган болот.)
- Айыптардын жабылмагы. (Сыртка эч нерсесин чыгарбай жабык-жашыруун калган пенденин эми Ак жолунда аруулана бермеги.)
С.БЕЙШЕНАЛИЕВ
КЫРГЫЗ-КАЗАК АКЫНЫ ЖӨЖӨ
Акын дегендин аты – акын. Башка аты жок. Бирок, акындын да акыны болот. Алардын өзүнө жараша үлүшү, калтырган изи, өз орду бар. Ар бир өнөрлүү адамдын же акындын жаккан ырларын ооздон-оозго аңыз кылып айтуу – тээ атам замандан келаткан биздин элибиздин салты. Ошол уламадан уланып келе жаткан мыкты залкар акындарыбыздын бири – Жөжө. Ал акындын ырлары толук жазылып калынбаса да, кай бирлери ооздон-оозго айтылып келе жатат. Элибиздин ак таңдай акыны Ысмайыл Борончиев Жөжө жөнүндө мындай деп ырдаганы бар:
Карылардан көп уктум, Каны кыргыз деп уктум, Казактан өткөн Жөжөнү…
Кыргыздан ооп бир кезде
Кыйналгандан жөнөдү, Каардуу турмуш болбосо
Карыптын күнүн көрөбү?
Жөжө жөнүндө казак энциклопедиясында мындай деп айтылат: «Жөжө (1808–1895-жылдар) Жөжө Каржабай уулу, кедей чарбасынан комузчу, өлөңчү, айтыш акыны. Өнөрү менен күн көргөн. Жөжө өткүр, чынчыл, сынчыл акын» (12-том, 275-бет).
Жөжө Каржабай уулу 1808–1895-жылдарда казак элинде жашап өткөн кыргыз кулуну. Анын чыгармаларын, ырдаган ырын, өмүр жолун, айткан сөздөрүн издеп табуу кум арасынан алтын издегенге тете болду. Акындар менен айтышын, кийинки урпактарга чейин жеткен бир топ ырларын казактын газета-журналдарынан алдык. Жөжө кандай акын болгонунан кабар алыш үчүн Калдыбай кожо менен айтышына көңүл бөлөлү.
Калдыбай: – Эй, Жөжө, чындайсыңбы, ойнойсуңбу? Берсе да майрам эли тойбойсуңбу?
Отурган жаныңдагы кожоң болсом
Бир нерсе шыбагама койбойсуңбу?
Жөжө: – Көчкөн эл чалгын жерге конбойт бекен? Казакта кожо пейли оңбойт бекен?
Мол дөөлөт кудай берген түгөнбөсө
Экөөбүз бөлүп алсак болбойт бекен?
Калдыбай: – Сокур ай, сенден башкада тил бар бекен? Сүйлөсөң сөз түшүнбөс адам бекем? Бир сокур, бир аксагы бөлүп кетсе Үй ээсин кур калтырыш жол бар бекен?
Жөжө: – Кожонун да кожосу бар, билсең, кожом, Алдыңа сайрап турган жол бар кожом. Кожо болсоң олуядай жол үйрөтпө, Казактын ырларына нең бар кожом?
Калдыбай: – Кыргызда да кыргызы бар, анык кыргыз, Сенин түбүң белгилүү малай кыргыз. Сөөгүм кожо болсо да, этим казак, Казагымдын ичинде нең бар кыргыз?
Жөжө: – Мен кудайдан тилеймин динге соолук Жалган сүйлөп жаныңа кылба «жоолук». Кожо, кожо дегенге кокуйлаба Кожо деген «сарт» болчу каратоолук.
Калдыбай: – Бүркүт алган чыгышат улуу тоого,
Ойноп-күлгөн жакшы экен дени соого. Ат айланып казыгын табар деген, Сокур кыргыз, кетсеңчи Алатооңо.
Жөжө: – Алатоо, жер бермети мактаналам, Эстесем кандай асем жаадыраган.
Алатоом жер ортосу – эл ордосу.
Барууга кубат жетпес асыл арман. Алатоом мени издеген карегимсиң, Жүрөккө өмүр берчү данегимсиң.
Арманым Алатоону көрө албадым Элимди бир көрүүгө тагдыр берсин. Тагдырым өз элимди көрсөтпөдү, Тажаткан турмуш дагы жөн өтпөдү. Элимди бир аралап, ырдап келсем
Жазылаар сагынычым жүрөктөгү,–
деп чапанына аккан көз жашын Жөжө сүртө бергенде:
- Ау турмысың кур, айланайын ай, Ата-журтун эстеп, бососуп кетти гой! – деп Таттымбет акын ордунан тура калып Жөжөгө жакындады. Отургандар чуулдашып, Калдыбайды каптады:
- Сен кожолугуңду бир байкуш бечарага көрсөтпө. Элин сагынып саргайып жүргөн жалгыз адам. Жат жердеги адам ооздукталуу аттай. Жөжө сени ызаат менен ырдап отурат, аны бүтүндөй журт сыйлайт, – деп жаалашты.
Анда Жөжө элин, жалгыздыгын эстеп эреркеп кеткенин сезе коюп, домбурасын алып, кайра ырдай баштады.
Кожону өзүмө кой жалгыз өзүн, Жөжөнүн ким кемитпес эки көзүн? Кожо болсоң чатышпа көрүнгөнгө Уксаңчы адам өңдүү элдин сөзүн.
Калдыбай: – Жамандык ойлой-ойлой көзүң чыкты, Көзүң сокур болсо да көөдөн мыкты.
Кудай Таала өмүргө кубат берсин
Жеңилдим мен, айтышта Жөжө жыкты – деп отуруп калат.
Жогорудагы ыр саптарынан Жөжөнүн сагынычын эч кандай тил менен кошумчалабай эле жүрөк сезим менен гана угуп түшүнсөк болот го. Анын артыкча «Жалгызмын» деген ырында:
Айтышта дайым чыккан мен бир буудан, Дегдеңдеп чыгып келем калың чуудан. Жамандык жакшылыкты тең бөлүшөр Жанымда жок го менде ага-тууган.
Мындагы таң каларлыктай так салыштыруулар өзгөчө элес калтырып, дили таза, пейли түз өзүңдүн бир жакын тууганың эң алыста кыйналып жүргөндөй сезилип, эриксизден көз алдыңа элестеп кетет. Жөжө акын кандайча казак жергесине барып калды экен деген суроо туулат.
Анда эмесе ошол суроого жооп издейли. …1768–1781-жылдары казак эли менен кыргыздар туушкан көчмөн эл болсо да, жайыт жер, мал, кыз талашып, бири-бирине кол көтөрүп, чабышып турушкан. Бердигожо жигиттери менен келип, чаап кеткен мал-мүлктү кайтарабыз дешип Эсенгул, Садырбала жигиттери менен казактын бир айыл журтун чаап келишкен. Бу кабарды казактын ханы Абылайга кабарлашат. Ал кабарды уккан хан казактын уруу аксакалдарына, билермандарына билдирет. Алар өз ара сүйлөшүшүп, акылдашкан соң, Абылай ханга келишет:
- Кыргыздар басмырлап, элдин бир жак четиненчаап, мал-мүлктү талап атса, минтип карап жатабызбы? – дешет.
Эртеси Абылай калайыктан жооп күтөт. Калайык калк көпкө тунжурап унчукпай отурганда Жаныбек, Андыкожо, Богомбай, Кабанбай, Мамай, Токтомуш өңдүү казактын баатырлары орундарынан туруп:
- Ханым! Андай болсо алар менен жоолашууга баралык! – дешет.
Абылай хан болсо шашылбай отуруп, кайра сөз баштады:
- Мүмкүн кошуун куруп, эл жыйып, алыска убара болбой эле кыргыздарга элчи жиберсек кантет? «Эл ичиндеги тентегиңерди өзүңөр тыйып, алган мал-мүлктөрдү кайтарып, тез аранын ичинде Абылай хандын алдынан өтсүн десек кандай болот?» – дешти.
Буга Андыкожо, Мамай, Токтомуш баатырлар көнбөй коюшту. – Анткени, кыргыздар жоокер калк. Бирин кечирсең, дагы эле ушинтип улам күчөп тынчтык бербей келе берип, акыры бизге да жетет,– дешти.
- Анда ушу баштан эртелеп аз журттун белин мертинтип койгонубуз оң болот го,– деп Абылай хан сөзүн бүтүрдү. Ошо кезде Каратоо боюндагы каракожо деген чоң уруу элди Абылай хандын аскер башчысы Жидебай Кожоназар уулу беш миң аскер кошууну менен барып багындырып, жаңы эле келген болучу. Анткени алар мурда орустарга баш ийчү экен. Ошол жеңиштин урматына той кылып, көпчүлүк эл да таркай элек болучу. Каракожого барган аскерлерди кайра жыйып, ага алтай уруусунун баатыры Байдалыны, канжыгалуу уруусунун баатыры Бөгөнбайды, каракерей уруусунун баатыры Кабанбайды миң башы кылып, алтаке уруусунун баатыры Жидебайды аскер башы кылып, Абылай хан шашылыш дагы кошумча аскер жигиттерин жыйып, өзү баштап беш миңден ашык кол менен кыргыздарды карай жүрүп кетет. Жолдогу казак айылдарынан да кошуун кошуп, аскер топтоп, бир нече күн жол жүрүп, Кордойго келишет.
Кыргыздар болсо бейкапар Кордойдун белинде, бир топ айыл суу жакалай шалбаа жерге малын жайып жаткан. Капыстан эле талаа-түздү бүт самсыган кол каптап кирди. Жонунда мылтыгы, колунда кылычы бар желдеттер «даам ооз тийгиле» дегенине карабай үй кыдыра эркек аттууларды сабап, баштарын кой байлаган көгөнгө байлай баштады. Бирин-серин айылды ошончо жигит ойрондобой коёбу? Кезиккенин чаап-тоноп олтуруп, Сарөзөн Чүйгө келишет. А кезде Чүйдө сарбагыш уруусунун аттуу-баштуусу Тынай бийдин уулу Атаке эл башкарып турган кези.
Атаке жашыл жайлоо жакасында суу жээктей тигилген ак өргөдө бейкапар жаткан эле. Түн бир оокумда Сатыбалды баш болгон бир топ адамдар Атакенин конушуна келишет. Бийди ойготуп, казактын Абылай ханы көптөгөн колу менен Чүйгө келип, суу бойлой боз үй тиктирип жатканын, келген жигиттери бүт жоокерлерче кийингенин, жарак-жабдыктуу экендигин айтышат. Атаке бий өзүнүн ишенимдүү жардамчылары менен жылкычыларын шашылыш чогултуп, аларды уруу-уруулардын аксакалдарына, датка-болуштарга кабар жиберет. Келе жаткан жоого дагы эки тыңчы жиберип, улам бири болгон ахвалды кабарлап туруусун талап кылды. Мерчемдүү жерлерге кароолдор коюлду.
- Болгула жигиттер! – деп шаштырып, бий өзү түнү менен улам бирин өз тапшырмасын аткарууга жөнөтүп жатты. Эртеси шашке ченден баштап туугандары, алардын артынан удаа-удаа эле кошундарын коштогон санаалаш уруулардын аксакалдары келе баштады. Бешим ченде саяктар менен моңолдордун, тынымсейит, мундуз, жиде, каракесек, бугу, саруу, адигине, солто, коңураттардын жакын жердегилери келе башташты. Алар менен бирге эчен салгылаштарда сыналган баатырлар, жаа атуучулар, шилтеме, түтөмө мылтыктан көзгө атарлар келе баштады. Келаткан жоо жактан да кабар келди. «Кандайдыр түтөгөн кол, түздүктү бүт, Сарөзөн Чүйдү ээлеп, тоого такалды дешти. Капысынан келген жоо жергиликтүү жашаган калкты куугунтукка дуушар кылып, малын союп, айылдарын өрттөп, элин туткундап жатат» дешти. Сарөзөн Чүй боюндагы туугандарынын кабарын угуп Атаке бий өтө тынчсызданды. Атаке бий ой-таразасына салып өлчөп, акыл менен айлантып көрүп, элчиликтин камын кылды. Кандай болсо да согушту болтурбай, кан төгүлүп, алаамат болбосун деген ой менен Абылай ханга элчиликке жарактуу жигиттерди тандады. Алар менен катар думана кейпин кийгизип, тыңчылыкка Байсеркени дайындады. Ал ошол эле күнү жолго чыкты. Байсерке тоо айланып, Сокулукка ашып түшүп, чарчап-чаалыккан атын Сокулуктагы жээндерине калтырып, ордуна ат жаңыртып минип, андан Чүй бойлоп, Кичикемин менен жоо жайын билип кайра келмек. Атаке бий Байсеркени тезирээк барышына өзүнүн кара аргымагын берди. Жакшы ат болбосо ашуу ашып, тез барыш кыйын, экинчиден, аны сокулуктук жээндери начар атка ат алмашпайт дешти. Ошентип, тиги Пишкектеги ак сарайдан баштап Кеминге чейинки жоонун канча колу бардыгын толук билип, өтө тез арада билдириш керектигин, аны жоого сездирбей, билгизбей, колго түшпөй аман-эсен келүү үчүн бардык айла-амалды колдонуу менен жетип келүү өтө зарыл иш эле. Чындыгында бул тапшырма Байсерке менен кара аргымак үчүн өтө маанилүү тапшырма болду. Эртесинде Абылай ханга элчиликке эки адам дайындалды. Элчиге бара тургандардын мингени опокшош эки кара аргымак, кийингендери да бир түстүү кийим, бирдей ат жабдык, жоо-жарагы, камчысы түгөл окшош болду. Атаке уруу аксакалдары менен бирге аларга акыл-насаатын айтып, Абылай ханга айта турган салам-дувасын элчи жигиттерге толук түшүндүрдү. Элчиге чыккан жигиттер үчүнчү күнү эртең менен шашкеде Абылай хандын ак өргөөсүнө жетишти. Келген жигиттер элчи экендигин билдирип, Абылай хандын алдына киришти.
- Урматтуу ханым! Бизди Атаке бийибиз сизге жиберди. Атаке бийдин ак өргөөсү сиздерди күтүп жатат. Урматтуу Абылай хан, сизди Атаке бийдин ардактуу коногу болсун дейбиз дешти босогодо турган эки жигит. Төшөктө жамбаштап жаткан Абылай хан нес болгон эмедей көпкө карап турду да: – Барбаймын! – деп бурк этти да, терс карап жатып алды. Элчи жигиттер көпкө күтүштү.
Акыры чыдамы кетип:
- Урматтуу таксыр! Жок дегенде биздин өтүнүчүбүздү угуңуз. Биз туушкан калкпыз, куда-сөөктүгүбүз бар. Биздер сиздер менен жоолашпай жарашалык деп келдик. Бир жолу итчилик тентектерден кетсе, аларды тыйып коюу колдон келчү иш. Аларды бий өзү жазалады. Туушкан эл бекерге кан төгүшпөйлү.
Абылай хан жаздыкка чалкалап жаткан боюнча, элчилерге жооп бербей коёт.
Келген элчилер жарым күн жооп күтүп, кайра кетүүгө аргасыз болушат. Эки элчи келгенден кийин Абылай хандын сөзгө келбегендиги, анын максаты бүт элди тебелептепсеп, болгон байлыгын чаап, эр-азаматтарын кырып кетүү экен го деген ойго кетишти.
Эл-журтка кайрадан кабар жиберүү үчүн дагы жигиттерди даярдап, алар казактардын максатын түшүндүрүп, жоолашып-согушууга келген баскынчыларга сокку уруу үчүн куралданган кошуундарды тез келүүсүн талап кылды. Аларды жөнөтүү менен экинчи жолу казактарга элчи жиберүүгө адамдарды дайындады.
Эртесинде Атаке бий баягыдай коёндой окшош кийинтип, дагы төрт жигитти элчиликке жиберет. Алардын каруу-жарагы менен минген аты да окшош.
Бул элчилерди да Абылай хан жооп бербестен кайра кетирет. Экинчи элчилер келгенде Атаке бий алыстагы эл-журттан, тегеректен куралдуу кошуундар жыйылып келгенче, жоону дагы алаксытууну чечти. Экинчиден, жоонун күчүн кай жерде канча колу барын билүүгө кеткен Байсерке тыңчы келе элек эле. Атаке бий анын эртесинде дагы алты адамды элчиликке дайындайт. Алты жигитке алты жейрен ат мингизип, окшош бир түстүү кийинтип жөнөтөт. Абылай хан аларды дагы жооп бербей, жарым күн күттүрүп, кайра жөнөтөт.
«Абылай ханыбыздын бул кылган иши эмнеси? Такыр түшүнүксүз. Үч жолу келген элчилерге эч бир жооп берген жок. Же ары, же бери деп жообун бериш керек эле да» дешет. Аскер башчылары өз ара сүйлөшүүлөрүн сезип калган Абылай хан алардын баарын чакыртып алып сөз баштады.
- Кыргыздардын Атаке бийи бизге жарашууга элчи жибериптир. Бирок алгачкы эки элчиси менин күчүм сиздердин жыйылган колуңардан эки эсе артык күч, экинчи жолу төрт эсе артык, үчүнчү жолу алты эсе артык күч деген белги менен элчилерди жиберди. Бул белгилери биздин күчүбүз көп, бекер убара болбогула дегени. Бул кыр көрсөткөнүн силер менен дагы бир кеңешейин дедим эле, – деди.
- Пикириңерди айткылачы? Же үйгө кайта берелиби? Мен элден бул жакка чыгаарда баарыңа түшүндүргөм, баарыңар менен кеңешкем. Силерге баарын жашырбастан толук айтпадым беле. Эми алыстан ат арытып келип алып, кайра кетебизби? Же жеңилип, же жеңишибиз керек да. Намыс дегенди, улуу журтубуздун ишеничин да акташыбыз керек да. Өргүп жата берсек азык-түлүк түгөнүп, кыйналып калабыз.
«Эртеге дагы тыныгып дем алып, даярданып туруп, тобокелге салып, ишемби күнү урушту баштайлык» дешти. Анын үстүнө эсептеп көрүшсө болгон тамак-аш 8–9 күнгө жетчүдөй экен. Ушул кезде силерге айта турган бир кеңешим, кыргыздар биздин күчүбүз көп дегенине караганда мүмкүн тоо ичинде буйткалуу жерлерде, токой ичинде буктурмалар коюп жүрбөсүн. Андай бир балакеттерге кабылып калбоо үчүн талаанын баласы, талаага көнгөн элбиз. Ошондуктан тоо ичине кирбестен ушу Чүй түздүгүндө эле болгон күчүбүздү туура пайдаланып, чачыранды эл тоодон чогулуп келгичекти улам келгенин жоюп туруубуз керек. Ушул жакын арадан бийигирээк тоого бир адам туу желекти кармап турсун дешти. Туу менен
Байымбет калды. Күндө кечинде ошол тууга пааналап барып чогулгудай болушту. Ошентип эртеси Абылай хан көп колду баштап, согушка өзү аттанды.
Кыргыздар да баскынчылардан эли-жерин коргош үчүн өрт жигиттерди, мерген баатырлардан кошуп, Кеминден Таласка чейин кошунга эл чогултуп, күн-түн дебей чапкылап жатышты. Күтүүсүз капыстан согуш башталгандыктан Соңкөлдөн, Ысык-Көлдөн жыйылган кошуундар али келе элек эле. Акыры барган элчилер менен кошо тыңчыда жүргөн Байсерке да аман-эсен чогуу келип, Атаке бийге көргөн-билгендерин толук баяндады. Булар келгени Атаке бий ар тараптан келген топ-тобу менен бөлүнгөн кошундарга улам бирине барып, калган алыскы кошундарды сурамжылап, акыры күтө берип чыдамы кетти.
Кечиндеси келген кошундардын он башы, жүз башылары менен Атаке бий кеңешме өткөрдү. Атаке бий чогулгандарга: – Талас, Нарын, Ысык-Көл тараптан бир аз кошуундар келген менен толук келе элек. Алардын келишине толук ишенем. Анткени биздин эл бири-бирин эч качан кыйбайт, өлүмгө таштабайт. Бирок, күтүп жата берсек чүйлүк туугандарга убал болуп кетти. Алардын чырылдаган балдарына карабай зордоп, мал-мүлкүн талап, аябай ыза, кордук көрсөтүп жатат, ишенбесеңер келген тыңчы Байсерке өзү айтсын», – деп сөздү Байсеркеге берди.
Байсерке Сокулуктан баштап Кеминге чейинки көргөн-уккан, билгендерин толук айтып түшүндүрдү. Андан кийин Атаке бий Абылай ханга үч жолу элчи жибергендигин, ал хан көшөрүп эч жооп бербегендигин, максаты согушуп, элди талкалаш экендигин, беш миңден ашык кошуунга күнүгө элдин малын жыгып союп, туткундарды колу-бутун таңып, көгөнгө байлап коюп, кыздарды алдырып келип, күнүгө төшөк жаңыртып, ак өргөөсүндө жатканын баяндады. «Ушул топтолгон күч менен ар тараптан ат коюп, чабуулга өтүп, хандын өргүп жатканынан пайдаланып, анын күчүн азайтсак кез келген жерлерге жаа аткычтарды жашынтып, буктурма коюп, коктуга камасак, аттарыңар чарчап, өзүңөр чаалыгып калган кезде алыстан кеч калган күчтү жыйып, жаңы күч менен үстүңөргө ат коюп туш-туштан киребиз.
- Алардын толуктап турган күчү жок болгондуктан күндө согуша берип чарчап-тажап алсыраган учурда биз ат койгондо, кол көбөйгөнүн көрүшүп алар качууга мажбур болушат. Анын үстүнө жаңы барган күч менен аларды экиге бөлүшкө аракет кылабыз,– деп Атаке бий бир топ айла-амалдарды, ар бир кокту-колоттордогу ыңгайлуу жерлерди айтып, он башы, жүз башыларга түшүн дүрдү.
Жыйылган аскер кошундары Чүйгө эртең менен таң куланөөк салганда аттанып, кошуундун жарымынан көбүн Кырмышты баш кылып, Шамшы ашырып Карасууга, Алмага, Онбир жылгага түшүрдү. Боом ичи менен адигине уруусунан Сатыбек деген жаш жигитти башчы кылып, жалаң жаштарды жөнөттү.
- Алардын максаты – тоо ичинен алыстабай кырдада, коктудан да буктурмада туруп, күтүлбөгөн жерден ат коюп, тике качырып сокку уруп, урушка матала кирбей, жандай согушуп, кайра кайрылып туруу болду.
Аларды кууп, казактар коктуга кирсе, ар коктуда күткөн буктурмадагы жаачылар огу менен көз ачырбай жайламак.
Биринчи беттеште Боомдон жаңы чыккан Сатыбектин колун Боролдойдон күтүп турган Абылай хандын аскерлери каршы алып, артка сүрө баштаганда, ар кырдан ат коюп каптаган кыргыз колун көрүшүп, курчоодо калбайлы дештиби Абылай хандын аскерлери бүт артка суу жээгине чегинүүгө аргасыз болду. Ал күнү Сатыбектин тобунан отузга жакын адам чыгым болсо, Абылай хан тарабы жыйырма эки адам. Кечкисин кырдан сокку ургандар менен акылдашып, алар койгон тыңчы-кароолчулар менен бирдикте эртеңки уруш боюнча сүйлөшүп туруусу керек болучу.
Согуштун биринчи күнүндө жарадар болуп жаткан бир кыргыз жигитти казактар тарабы ала кетишти. Бул болсо Абылай хандын «Туткун ала келгиле» деген буйругу эле. Ошондуктан туткун келгенде ага Абылай хан өзү жашыруун сурак жүргүздү.
- Атаке бий өзү согуш талаасындабы? Болсо согуш талаасынын кай тарабында?
- Аны билбеймин,– деди туткун. Хан башка жагынан сурап көрөйүн дедиби:
- Ысык-Көл, Соңкөл тараптан келген кошундардыбул жакка ким жөнөтүп жатат? – деди.
- Атаке бий өзү жөнөтүп жатат деп уктум, – деди туткун. Абылай хан сөз төркүнүн түшүндү да:
- Атаке бийдин азыркы турган кошуну кайсы жерде, кандай барса болот? – деп тактап сурады. – Эгер макул болсоң, Атаке бийге биз кат жиберели дедик эле, – дегенде туткун жигит кызыгып:
- Ал эмне кат эле? – деп сурады.
- Эми согуштун пайдасы жок сыяктуу, элдешели деген мазмундагы кат. Бул жерде туткунда өлгөнчө өз бийиңе кат апаргандыгың жакшы,– деп туткунду көндүрдү. Анын үстүнө туткун Атаке бийдин кыйыр туугандары болуп чыкты. Абылай хан туткун жигитти тамактандырып, жараттарын жакшылап таңып, кайрадан чакыртты.
- Сен, жигит, Атаке бийге кат алып баруучу адамдарды согуш талаасынан башка эч адам көрбөгөндөй, билбегендей жол менен тоону айланып болсо да алып барышың керек. Эгер согуш талаасы же түз жол менен болгондо силерди аскерлер биздин адамдарды түшүнбөй кордоп коюусу мүмкүн, экинчиден, мен берген катты Атаке бий өзү гана окушу керек, – деп түшүндүрдү. Ошол эле түнү ири баатырлардан жыйырма адамды бөлүп, ашуу ашып, кокту менен айланып Атаке бийдин ак өргөөсү турган жерге тымызын жөнөтүлдү. Туткун жигитти бийдин өргөөсүн көрсөткөндөн кийин, акырын «тынчытып» коюуну буюрду. Калган аскерлери менен Абылай хан эртеси күнү согушту улантып, алдыңкы чекте бо лушту.
Согуштун эртесинде казактар тарабы тегиз капташпай ар бир кыр жакты этият карашып, сактанып ка лышты.
Эртең менен алардын ат койгон бир топ кошуну чабуул коюп кирип келди эле Сатыбектин боз жигиттери «Атаке!» деп ат коюп каптай бергенде кайра качышты. Бир аздан соң казактын Кабанбай баатыры жарлык салып: «Жекеме-жеке, жекеме-жеке! Кыргыздардан чыгаргыла баатырыңарды»,– дешти.
Эгерде жекеме-жеке чакырса аларга макул болуп, убакытты созуп, мурдатадан эр сайышка түшүп жүргөн тандалма жигиттерден чыгарып Атаке бийдин келишин күтмөк эле. Кыргыздар тарабы Онбиржылганын астындагы түздүктө Бектурду алып чыгышты. Бектурга каршы чыккан казак олбурлуу жаш жигит экен, бешинчи жолу айланып сайышта Бектур аны сайып түштү. Жыгылган казак катуу жарадар болду. Андан кийин кыргыздан Черик менен Айманбай чыгып, экөө тең казактын балбандарын сайып түшкөндө, Чериктин каршылашы жарадар болсо Айманбайга чыкканы жерге жыгылганда эле өлүптүр. Ал күнү ошо менен кеч кирип, согуш токтоп, казактар ыза болуп, кыр көрсөтүп, айкырык салып, сөгүнүп, колдорун кезеп, артка кетишти. Эртесинде чоң шашкеге чейин казактардын дайыны жок, эмне болушкан – дегиче кырдан кабар келди:
- Казактар жапырт чабуулга өтүп, тегиз каптап келатышат. «Камдангыла!» деген буйрук алышты. Ансыз да дайын турган жигиттер аттарына жүгүрүп басмайылын бекем тартып, жоо-жарагын даярдап калышты. Бул күнү казак кошуундары камдуу келгени көрүнүп турат. Казактар качырып келишкенде карап турган кыргыздар ат коюп, каршы алышып, беттешти. Найза-найзага урунуп, чокморлор дүкүлдөп, кыйкырык-сүрөөн коштоп, кырчылдашып, кызыл ала канга боёлгон эрлер калың чаңдан көрүнбөй калды. Ар кырдан түшкөн кыргыз кошуундары менен казактар салгылаша баштаганда капталындагы коктудан ат коюп чыккан кыргыз кошуну «Манас атанын арбагы колдосун!» деп бакырган жигиттердин ачуу кыйкырыгын ышкырык коштоп, согушка кирип, чаң-тополоңго аралашып жатты. Капталдан капысынан чыккан кошуундар казактардын айласын кетирип, көп жоготууга учуратты. Көп жеринде түздүктө алар кыйындык кылып тоого чейин кайра сүрүп келишет. Бир жагы чегинсе, бир жагы маташып, салгылашууда. Бир жагы кайра чабуулга өтүп кууп барат да, тереңдебей кайра тартат. Согуш бул күнү кандуу кыргын менен кеч бүттү. Эки тарап эки жүздөн көп жоготууга учурады. Эртеси да ушундай уруш болуп, кыргыздар тарабы кырдан көп чабуулга чыгып, үстөмдүк кылды. Казактар тарабы тоо түбүнө жакын кууп келбей, түздүктө коргонууга өтүштү.
Согуштун төртүнчү күнү түштөн кийин казактардан көп жоготууга учурап, жыйырма баатырдын жоктугу сезилип турду. Бешинчи күнү жарадарлар менен Абылай хандын жанында жүргөн аскерлерди да кошуп, болгон күчтү жыйып, Абылай хан согушка кошумча күч жөнөттү. Хан өзү эки кароолчусу менен жалгыз тоо башында калды. Тоо айланып, кыргыздын бийи Атакенин конушуна кеткендерден дайын жок. Түштөн кийин канча аракеттенишсе да казактар тарабы чегине баштады. Токтомуш баатыр Абылай ханга келип:
- «Кыргыздарга туруштук бергидей эмеспиз. Биздикилер чегине баштады ханым! Ысык-Көл, Соңкөл жактан жардамга кошуундар келип, калганы бир тобу бүгүн өрүү болуп алып, эртең согушка кирет экен. Аларга бүгүн эле чыдашыбыз кыйын, эртең алар келсе баарыбыз кырылчудайбыз. Өзүм да жарадармын. Ончактысынан араң кутулуп чыктым, – деди. Абылай хан ансыз деле алыстан тоо башынан көзөмөлдөп карап турган болучу. Хандын күткөн үмүтү акталбагандай, чыдамы кетип, Токтомуш баатырды тиктеген боюнча көзү тунарып отура кетти. «Дагы бир күн-түнү менен кыргыздарга чыдап, эптеп туруштук бергениңерде, ишенген жыйырма баатыр келип, алардан көп жардам болор эле» деп хан сөзүн бүтө электе Токтомуш баатырдын шаштысы кетип ордунан тура калып:
- Ханым мен сизге айтып жатам го, көлдөн аскер кошууну келди. Жыйырма баатыр эмес, дагы эки жүз баатырың бизге аздык кылат. Биз кырыла элегибизде, бизди курчап кала элегинде тезинен кетишибиз керек,– деди. Хан ойлонуп отуруп:
- Кыргыздар чачыранды аз журт деп атып, чамабыздын келбегендигине караганда келген кошуун азыраактай болуп калды көрүнөт… Анда түнү менен элге кайра кайтуубуз керек экен да, элден дагы көбүрөөк аскер жыйып, күчтүү даярдык менен келишибиз керек экен. Тамак-аш да бир күндүк калыптыр,– деди.
Беш күн бир топ эле убакыт, бирок, кеткен жыйырма баатырдан дайын жок. Эмнеси болсо да бир кабар келиши керек эле. Эми айла жок. Биз таң ата кайра элге аттанып кетели. Таңга дейре ошо кеткен жыйырма кишини күтөлү, – деген чечимге келишти. Согушта чабуул коюу, же жеңип алуу пландарын кол башчылар куруп, аны ишке ашырууга бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, өз шартына ылайыктайт тура. Ар кандай айла-амал аракеттер менен Атаке бий да, Абылай хан да өз ойлогондорун ишке ашырууга болгон күчтөрүн жумшап, жанталашып жатышты. Атаке ушундай кыйын кезеңде чачыранды ар кокту сайлардагы калайык-калкты бириктирип, өзүнүн акыл-айлакердиги менен элге тоодой бел болуп, элибиздин жер-суусун, элин сырткы баскынчылардан коргогон азаматтардын бири болучу. Атаке өңдөнгөн канча шылуун эр жигиттер ар-намысты бийик тутуп, кыргызды тукум курут кылбай, артына урпактарды Алатоосуна калтыруу үчүн жан аябай согушуп, жер жазданбады беле…
Жылдыз толуп, үркөр төбөгө келген кезде Бөгөмбай баштаган жыйырма баатыр тобу менен аман-эсен келип калышты. Тоо айланып жетип, аңдып туруп, ылайыгы келгенде Атаке бий менен Садырбаланы байлап алып келишкен.
- Абылай хан колго түшкөндөрдөн: – Кана, эмибизден кандай тилегиңер бар? – дейт. Өкүнүчтө калгандай түнөргөн Атаке бий бир топко үнсүз отурат. Анан көптө барып, ачуулу добушу менен «Биз жеңилдик, эмне айтсаңар да өзүңөр билгиле!» – деди. Анда Абылай хан Атаке бийге төмөндөгүлөрдү милдеттендирет: – Биринчиден, алгачкы чаап алган казак айлынан алган малмүлктү толук кайтарасыңар. Экинчиси, казак-кыргыз чектешкен жерлердеги ким малым жоголгон дегендерди толук төлөйсүңөр. Үчүнчүсү, согушта курман болгон жоокерлердин толук сыйнаты бүткөнчө биз кетпейбиз. Ошондуктан эртеңден баштап келген казактарды толук конок күтүү каадасын өзүңө аласың. Бешинчиси, айыпка жыгылганыңар үчүн тогуздап мал берсең бизге жетишпейт. Ошондуктан ар бир малдын түрү боюнча кырктан бересиңер. Алсак, кырк жылкы тандап алабыз, кырк төө, кырк уй, кырк кой, кырк эчки, кырк коён, кырк бугу, кырк түлкү, кырк аюу, кырк карышкыр, кырк жолборс, кырк суур… өңдүү элде болуучу бардык жандыктардан. Кээ бир жандыктарды таба албасаң, анда үч эсе баасы менен акчалай төлөйсүң. Алтынчысы, буларды айдап, бакканга элиңден тандап туруп кырк жигит, кырк кызды бизге малайлыкка бересиң. Эгерде тандап келген кыз же жигиттерден жакпай калса, өзүңдүн балдарың болсо да алабыз дешти. Жетинчиси, тиги Кичикеминден баштап Чүй суусунун казактар тараптагы аймакты бүтүндөй казак элине бересиң. Ал жердеги конуштаган кыргыздарды он беш күн ичинде бүтүндөй көчүрөсүң. Атаке бий чыдабай кетип ордунан тура калып: – Кордойдон бери, эгер мурдагысын айтсак тиги Иледен бери биздин ата-бабалардын эч кимге тийешеси жок накта Атаконушунун жери эле го! Калыстык кылыңыз. Мен Атаконушун кантип таштайм, калган чыгымдар да жетишет го!
Абылай хан шашылбай жаздыкка жамбаштап жаткан жеринен козголуп отуруп:
- Туура, алар бизге жетишпейт. Эгер жетишсе мен улуу башым менен бул жакка келбейт элем да. Кептин кыскасы, улам доолаша бербей, чекара бизден алыс болуп, Чүй суусу бизди бөлүп турсун. Эгер макул болбосоң, бул өргөөдөн тирүү чыкпайсың. Сенсиз деле буларды өзүбүз чечип алабыз, – деп Абылайдын көөдөнүндөгү күчтүү сезими бурк этип, өзүнчө кубат менен шаңшыган бүркүттөй шукшурулуп ордунан тура калды. Ачуу ызадан калтырак баскан Атаке бий заманасы куурулуп, жалдырап отуруп калды. Атаке бий, эми түшүндү: – Бир айлыбызды чаап кетти кыргыздар, – деп келген алардын жөн эле шылтоосу экендигин. Атаке бий макул болууга аргасыз болду. Даярдап койгон кагазга мөөрүн басты. Таң эртең менен Атаке бийге ат мингизип, бийди үйүнө узатууга үч-төрт адам бирге чыгышты. Атаке бий менен Садырбаланы коштогон топ күн чыгыш тарапка үнсүз ойлуу келатышты.
Салт атчандар түшкө жакындап калганда алардын алдынан калдайган калың кол аскер көрүндү. Көпчүлүгү чаап келе жаткандай. Садырбала: – Бийим! Тиги казактар качып келатышат го, – деп токтолуп калды. Кыргыздар тарабы улам жаңы толуктоолор келип, сүрүп отуруп, таң эртеси Токмоктон өтүп, эми бул жерге жетишкен. Атаке бий жоокерлердин алдына чыгып колдорун булгалап, аскер башчыларын, он башы, элүү башы, жүз башыларды чакыра баштады. Кара тер баскан атчандардын арткы тобунан Атаке бийди таанып, бөлүнө баштады. Алдыңкы карагер атчан чаап жетти да:
- Бий аке! Кечке чейин Абылай хандын өргөөсүнө жетебиз. Казактар алсыз, качып келатат. Көлдөн келгендер тоо жагы менен, суу жээктеп бөлүнүп кууп келатабыз. Бир топ казактар жарадар, колго түшүштү. Казактар улам азайып, бир четинен качып жатышат. Кудай арбак колдосо тигине Сагынбай, Жылкыайдар тобу суу жээктей аларды сүрүп келатат! – дегиче эле сөз аягын укпастан тегерекке карап колун булгалаган боюнча Атаке бий: «Токтоткула! Токтоткула!» деп кыйкыра берди. Маңдайкы топтон келгендердин бири:
- Бий аке! Бий аке! Кечке чыдап бериңиз, көпкөн маңкаларды бүгүн эле ханынын өргөөсүнө жеткидей кылабыз, – деди. Анын сөзүн турган көпчүлүк коштоп чуулдашты…
- Жок жигиттер! Мен сөз берип койдум. Түшүнгүлөчү сөз берип… Токтоткула согушту, токтоткула… Эсин эми жыйган жигиттер негедир шектенгендей туруп калышты. Өпкөсү көпкөн аргымактар ордуна тура албай тыбырчылайт. Кай бирлери туш-тарабына элеңдей карашып согушуп жүргөн жолдошторун көздөй чаап кетишти.
Атаке бий:
- Согуш токтотулсун! – деп туш-тушка киши чаптырды… Ушу согуштан кийин кыргыздар катуу бүлүнүп, көп мал-жандыгынан ажырап, жакырланууга аргасыз болушкан. Ошондо кырк жигит, кырк кызды таап, өз балдарын эле малайлыкка бирөөгө бере коюш өтө кыйынга тургандыгы баарыга белгилүү эмеспи. Тиги Таластан Кеминге чейин кыз жигит жыйып, казактарга малайга жиберген. Ошондо кеткен кырк жигиттин бири шордуу Каржабай болгон. Каржабайдын уулу Жөжө 1808-жылы төрөлөт. Ал жети айлык «ара» төрөлүп, наристе кезинде жөжөдөй кичине болгондуктан, жөргөлөп аман-эсен жүрө берсин деп атын Жөжө койгон экен.
Ошентип кырк жигит казак жергесине «кул» болуп барганда, анын бири Каржабай болсо Көкчөтоо болушуна бөлүнүп, казактын улуу акыны Абайдын атасы Кунанбай болуштун колуна тийет. Кунанбай Каржабайды Жайык деген байга малайлыкка берет.
Каржабай Жайык байга малай болуп мал багып, он беш жыл өткөндөн кийин гана ал жердеги өзү менен кошо кул болуп жүргөн кыргыз адамы Шаменин кызына үйлөнөт. Ошондо Каржабай жыйырма тогуз жашта эле. Үйлөнгөндөн кийин деле Жайык байдын малайы болуп кала берет.
Жөжө алты жашка чыкканда энеси өлөт. Жети жашында «чечек» оорусуна учурап, суук тийип, көзү көрбөй калат. Он үч жашка чыкканга чейин өгөй эненин запкысында чоңоёт. Он үч жашында атасы өлөт. Атасынын өлүмү жөнүндө мындай деген имиш бар: Каржабай талаада кой кайтарып жүрсө «кишичил» кара буура келип качырат. Буура тиштей бергенде буйтап мойнуна жармаша калып, бууранын үстүнө секирип минет. Буура үстүнөн түшүрө албай убара болуп, акыры суурдун бир чоң ийнине келип чөгүп, оонай баштайт. Ошондо Каржабай бууранын алдында калат. Буура ийиндин оозунан турбай койгон соң, бычак менен ичин жара тартат. Буура ийиндин үстүндө өлөт. Каржабай болсо ийинден чыга албай жатып, бууранын астында жан берет.
Атасы өлгөндөн кийин Жөжөнү өгөй энеси үйүнөн кууп жиберет. Айласыз сокур жаш бала атасы менен кыргыздан кошо келген айылдашы Осмон Карагандыда малайлыкта жүргөнүн билип, аны издеп таап, азыркы Нура районунда Осмондукунда төрт-беш жыл жашап калат.
Жөжөнүн ырлары бай-манаптарга, бий болуштарга каршы экенин билген Ыбрай деген дубан башы Жөжөнү: «Кайдан келсең ошол жакка кеткин» деп, куугунтуктап калат. Анда Жөжө Ыбрайга келип:
Дарыянын ортосунда сиз бай терек, Саяңа пааналаган мен көпөлөк.
Бутагың көпөлөктү көтөрбөсө,
Сиз бай терек болгонуң кимге керек? – деп ырдайт. Баары бир Ыбрай аны куугунтуктагандыктан, айласыз Көкчөтоого кетет.
Жөжө жетимчиликтин, жокчулуктун азабын көп эле тартса да, баары бир өмүр бою жалгыздыктын азабынан кутула алган жок. Тууган-туушкандары кыргыз жергесинде калып, өзү ата-энеден жалгыз болуп, өгөй эненин запкысында, бөтөн элдин кемсинтүүсүндө чоңойду. Жөжө өзү:
Жаштыгым азап менен өтүп жатыр, Муң-кайгы өз башыма жетип жатыр.
Ач калып, кыштын түнү талаа кезип, Бир күнүм бир кылымга кээде татыр,– дейт.
Жөжө эр жетип, кыз издеп жүргөн убагы. Жөжөнүн жаштык сүйүү курагы, казак талаасынан учкан зымырык куштай өмүрдөн кайкып учту. Көз көрбөгөндөн кийин жаш жигиттин элесине табышмактуу кыздардын сымбаты, өзүндөй залкар акын болбосо да, көңүлүн жубатып, жүрөгүн жылыткан жакшына сөзү бар бирөөсүн издеди.
«Казактын кароол элиндеги Байдалы деген байдын эки удаа кызы бар. Экөө тең жамакчы-ырчы» деп угуп, Жөжө издеп барат. Ошондогу Жөжөнүн ыры:
Жөжө: – Дайым менин мингеним кара жал кер, Мендей эптеп айтышпас өлөңчүлөр. Сиздер кыпчак болсоңор мен сарбагыш Көрүшөлүк сулуу кыз колуңду бер.
Анда кыздын бирөөсү:
– Мылтыкты алты карыш ата албаймын, Жамбаштап жаман үйдө жата албаймын. Сиз сарбагыш болгондо биздер кыпчак Сүйлөшүүгө тар үйдө бата албаймын.
Жөжө: – Окуй албас беш намаз жаза болсо,
Күн өтө албас эр жигит наза болсо, Кучакташып көрсөңүз неңиз кетер, Даарат алган тал боюң таза болсо.
Экинчи кыз: – Төмөн аккан дайраны ылай билер,
Акын жигит өлөңдү сынай билер, Неге мындай айтасыз жарыктыгым Кимдин актык-адалын кудай билер.
Жөжө: – Салып койгон килемден төшөгүң бар, Ала куржун арттырган эшегиң бар. Андай деген сөзүмө ачууланба Аял заты болгон соң «ушагың» бар. Өмүрдө турмуш деген көкөй кескен Айылда кыздар жүрөт төрттөн-бештен. Сый ызат адамдыгы сендей эмес Мээримиң чыкпай калды эч бир эстен.
Эки кыз тең сөз таппай унчукпай, эмне дээрин билишпей калышты. Угуп турган жеңеси ызасы келип, чыгдандын ары жагынан чыңкылдап калат:
Так төбөңдөн урайын маңдайыңа, Как тургандай кылайын таңдайыңа.
Уусуна сөзүмдүн чыдабасаң
Аттанып кет сарбагыш өз жайыңа, – дейт.
Ар жактан анын күйөөсү кошо келип, ушундай ачуу сөзгө бул эмне жооп берер экен деп күтүп калат. Аны Жөжө көрбөгөн соң ырдай берет:
Ушул жактан келемин боюм бийлеп, Домбра алып колума, тилим сүйлөп. Эки кызды аясаң намыс көрүп,
Анда өзүңүз жүрүңүз көңүлдүүрөөк, – дегенде эле күйөөсү бакырып Жөжөнүн колундагы домбрасын жулуп алып, кууп чыгат. Турмуштан жолу болбогон Жөжөнүн сүйүүдөн да ошентип жолу болбойт.
Каратоодогу казактарды кара калмактар кууп келатканда кыргыздын эр Таргыны алдынан тосуп, ошончо теңдешсиз жоону жалгыз кырып, жүздөн ашык кара калмактарды жыга чабат, калгандары качканда артынан кууп, жеткендерин өлтүрүп, чекарадан ашырып келет. Антпегенде ошол аймактагы казактарды бүтүн кырып кетмек болгон. Аны Жөжө ошол жердеги казактардын урпактарына менин агам эр Таргын силерди коргогон деп ырдайт. Ошондогу эр Таргындын өмүрүн баяндаган казактарда «Эр Таргын» операсы да бар.
Жөжө Орунбай акындын карындашы Акылайга үйлөнгөн деген сөз бар. Жок, аны менен Орунбайды издеп Жөжө келсе, Орунбай акын үйүндө жок, бир жакка кеткен болот. Алыс жолдон келген Жөжө анда конуп калат. Кечинде Жөжө акын: «Мен Орунбайды издеп келсем ал жок тура, менден ага салам дегиле»,– деп ыр ырдап отурса Орунбайдын карындашы Акылай ага ыр менен жооп берип, көпкө айтышып отурушат. Кай бирлери Акылайга үйлөнбөй эле аны менен көп жолу келип-кетип айтышып турган деген кеп бар. Жөжөнүн Акылай менен ырдаган ырлары, айтыштары же ага үйлөнгөнү эч жерде жазылып калган эмес.
Жөжө заманында айтыш акындарынын ичинен албаны болгон. Ал бүткүл чыгармачылык өмүрүндө атагы алыска кеткен он жети акынды айтышып жеңген. Ошол айтыштарынын чыпчыргасын коротпой изилдеп-жыйнаган илимпоз адамдарыбыз азырынча жокко эсе. Өз демилгебиз менен жыйнап кагазга түшүргөн айрым чыгармаларынын таржымалына жана өмүр таржымалын толуктаган даректерге окурмандардын көңүлүн бурабыз.
Таз бай менен Жөжө
Чормондун Мусасы (казакта «Жөө Муса» деген ырды ырдаган адам) Жөжө акынга келип-кетип ырдашып жүргөн адам экен. Муса менен Жөжө Көкчөтоого жолоочулап барышып, башы таз бир байдын үйүнө түшүшөт. Таз бай Муса менен мурдатан тааныш экен. Ал Мусага кошомат көрсөткөнсүп, Жөжө тарапка нускап: «Бул ким?» – деген экен. Анда Жөжө комузун колуна алып:
- Ай жанында туулат жарык жылдыз, Айдың көлдө сүзүшөт камшат-кундуз.
Өзүн-өзү жашырган жигит эмес,
Этим казак болсо да, затым кыргыз, – дейт.
Таз бай келген коноктордун камын кылып, кечкиге союш издейт. Бир аз отургандан кийин бай айлындагы Жакып деген жигитти чакырып алып:
- Эй Жакып, кетип калган катыныңдын төркүндөрүнө калыңга кеткен кара малды доолап, акыры төрт жылкы алдырып бербедим беле. Мында молдо келиптир, сен ошо малдын экөөнү мага бергин, – дейт. Аны угуп отурган Жөжө чыдай албай:
- Бай аке, биринчиден, мен молдо эмесмин, экинчиден, бул жигит өзү берген малын кайра кайтарып алган чыгар, сиздин эмнеңиз өттү эле? – дейт.
- Бай: – «Сен сокур, жайыңа карап отур», деп зекип коёт. Анда Жөжө:
- Таздан жаман болобу көзү сокур?
Молдо окуган куранды тетир окур.
Чынын айтсак шарият пара алсаңыз,
Өлгөндөн соң тазыңды карга чокур, – дептир.
Үйдүн ээси ачууланып: «Жоготкула!» – деп жигиттерин чакырып, камчысын үйрөт. Жөжө тилин тартпастан:
- Мунуң ким? Өзүнчө эле таркылдаган.
Үйдөгү дөбөтпү арсылдаган?
Башыңды курт жегенде мен бар белем?
Дал төбөңдү урайын жаркылдаган, – дептир.
Эл Бай менен Жөжөнү уруштурбай ажыратып калышат.
Алшынбай бий, Кунанбай болуш, акын Жөжө
Алшынбай бий менен Кунанбай өз ара акылдашып отурганда сырттан Жөжө акын салам айтып кирип келет. Алшынбай бий мурда Жөжө акынды көрбөптүр:
- Сен ким болосуң? – деп аты-жөнүн сурап калат.
Анда Жөжө:
- Атамдын аты Каржабай, Жөжө атым, Алатоонун ар жагында кыргыз затым. Энеден туулгандан чыйрак элем, Атанып жети жаштан Жөжө акын.
Кубандык, Алтай, Карпык араладым, Тыңшадым эл жакшысын сараладым. Күнөөсүн адамдардын бетине айтып, Ат менен, аш ажарын карабадым. Жакындан жакшыларга болдум жуук, Аралап Сарарканын ырларын кууп.
Далай-далай акынды эл мактаган,
Жеңүүчү элем жыйында сөз менен бууп, – дептир.
Ошол арада бир бай менен кедей доолашып, Алшынбайга келишет. Алшынбай байды жактап, кедейдин доосун карабай, сөзүн да укпай коёт. Ошондо Жөжө чыдай албай:
- Баласы карчыганын өрдөк алар,
Кан агып ал бутунан аксаса да,
Кулалы ар качанда куу илелбас, Ак жемге өмүр бою таптаса да. Оозу кыйшык болсо да бай сүйлөсүн, Кембагалдан күнөөнү таппаса да.
Кедейдин айткан сөзү эм болобу?
Эртеден кечке чейин какшаса да, – дегенде Алшынбай:
- Бул сокурду какшатпай үйдөн чыгарып ийгилечи, – деп буйруптур. Анда Жөжө:
- Аргындын билерманы Алшынбай таз, Теңир кылды кантейин дөөлөтүм аз.
Эки сөздүн биринде «сокур» дейсиң,
Касиетиң бар болсо, башыңды жаз, – дептир.
Анда ошол жерде бирге отурган болуш Кунанбай:
- Ашыке, бул кыргыздын сөздөрү мылтыктын огундай экен, эми ээлиге бербеңиз, – дептир.
Жөжө, Дүржан, Кунанбай
Дүржан деген адам менен Жөжө дос экен. Дүржан дайыма Жөжөгө келип, эл аралатып ээрчитип жүрчү экен. Ал экөө Карачокуда Кунанбайдын айлына барып, Байдалынын үйүндө ырдап отурса, Кунанбай аны угуп, үйүнө чакыртып калат.
Болуш Кунанбай Жөжөнү баалай да, сыйлай да билчү.
– Акыным, биздин айылга келипсиң, сени келди деп угуп, кетип калбасын деп чакырттым эле. Ырыңды укпай көптөн бери сагынгандай эле болдук. Биздин элди-жерди, өзүң билгендериңди бир аз ырдап отур,– деп Кунанбай суранып калат. Анда Жөжө шарт эле:
Сүйүндүк-кубандык эл жакын жаткан, Ташыган ал өзөндөй чалкып жаткан. Не түрлүү эрлер чыкты ортосунан, Эл барбы сүйүндүктөй багы арткан.
Олжобай Абылайдын дулдулу эле, Эрдигин, баатырдыгын эл билди эле. Торайгыр жети журттун тилин билген Адамда кызыл тилдин булбулу эле.
Эл эле бир оозду каракесек,
Эч качан ушак-айың болбойт дешет. Казыбек, Жаныбектей эрлер чыкты, Аларың адам алпы болгон дешет.
Бир ууруң жети момун канжыгалы, Бөгөнбайдай болсочу эрдин баары. Туу кармап, тулпар минип, жоону жеңген Казакта мындан артык эрлер барбы?
Караул, Омбу алдында атагайлар,
Илгертен чалкып жаткан эски байлар, Байлык менен заманында аты чыккан, Ал элде биз билүүчү Чабар, Чанчар.
Караэткел, Көкчөтоодо Уак, Керей, Жери бай малга дагы эмес кедей. Турдубек, Сагынайлар эл бийлептир, Адилдик заманында пара жебей.
Тобыкты, Семей жактын эр ордосу, Ыргызбай, Казыбектин бир жолдошу. Алшынбай жакынсынып колдогондон Кунанбай үч жыл болгон дубан башы.
Эр чыкты Тобыктыдан далай-далай, Байлыгы адамдарда бардыгы шай. Атадан артык болуп, башкасынан, Эл бийлеп келе жатат акын Абай.
Үч кара, калмак кырган Тоонун жаны Белгилүү калмактардын кырылганы. Калмактан ажыратып казактарды, Жоо тосуп кыргын салган эр Таргыны. Бул жакта сырың деген уруу эл бар, Баатыры калмак кууган Малайсары.
Жер куту Баян-айыл ашкам тоосун, Эр чыкты элдеринде жеңген жоосун. Бий өттү Эдигейдей эл бийлеген, Үч жүздүн башын кошуп, чечкен доосун.
Жазыбай айлакер деп баатыр өткөн, Караштын балбандыгы жеке бүткөн. Казыбек, Жакшыбектер, эр Олжобай, Аларга калмактарың тизе бүккөн.
Кечеги арыстандай Дубан балбан, Чыгышты сүйүндүктөн нечен албан. Саадакчы Баян баатыр он жетиде, Калмактын канча колун жалгыз алган.
Калмактар Баян жерин жети алган, Акыры Төлөбайың кайра оодарган.
Айткызып өткөндөрүн өз башынан
Тил бүтүп сүйлөөр беле Баян тоодон, – деп ырдайт.
Жөжөнүн ырын угуп олтурган Кунанбай: – Сөздөрү алтынга тете, жазып алар адам болсо, – деп суктанат.
Жөжөнүн колуна «Эл акыны, эч ким күч көрсөтүп, капа кылбасын» деген күбөлүк кагаз бердирет. Баласы Абайды чакыртып алып: «Мынабу Жөжөнү камкордугуңа ала жүр, өзү бечара адам, эгер акын болом десең Жөжөдөн таалим алып үйрөнүшүң керек» деп табыштайт.
Ошондон баштап Жөжө Абайга көп келип, өзүнүн жүрөгүнөн жалындап чыккан курч ырлары менен таалим-тарбия берип турат. Ошентип Жөжө акын атактуу казактын классик акыны Абайдын окутуучусу болгон. Кары Кунанбайга, баласы Абайга ортодогу кара ниет адамдар «Жөжө силерди жамандап ырдап жүрөт» дешип көп жолу чагым салышат. Анда Абай: «Кемчиликсиз адам болбойт, биздин да кемчилигибизди таап ырдап атса керек, жакшы ырчыга кек болбойт» деп элди тынчыткан экен. Абай өзү да Жөжөнү: «Менин устатым, сөз зергери, туурачыл, сынчыл акын» деп баалаган.
Жөжө акындын кыргыз элине келиши
Элинен он төрт жашында кетип, ата-энесин, элин сагынып, боздоп жүргөн атасы Каржабайдын тагдыры жаш акын Жөжөнүн да көңүлүндө болуп жүрөгүнө күчтүү таасир калтырган. Ошондон улам наристе жаш баланын назик кыялында атасынын самаган эл-журту, сагынычы, көп жолу эскерип айткан эскерүүлөрү жүрөктө калгандыктанбы же өз ата-тегин таап алсам дегенби, ким билсин? Жөжө болуш Кунанбайдан суранат: «Алатоону мекендеп жаткан ата-бабама, кыргыз элиме баргым келет. Жок дегенде атамдын туугандарын сураштырып, алар менен таанышып, ырдап берип келейин. Мүмкүнчүлүк болсо, ылайыгы туура келсе, бир тууган жек-жааттарымда калайын. Уруксаат бериңиз» дейт. Анда Кунанбай болуш: «Эгерде жөн эле эл ичинде жүргөн бир адам болсоң, сенин туш-тарабың кыбыла, кайда барсаң кете бер, бизден оолак жүр дээр элем. Бирок сен эл акыны, журт сыйлаган шекер сөздүү чеченсиң. Сенден балам Абай таалим алып, сени ызаат кылат. Ошондой болсо да өзүң суранып калыпсың уруксат берели, шартыңа кара. Калам десең туугандарыңда кал, кайра келем десең бизге кел. Колуңа акча берейин. Туугандарыңа жетип алгыдай ат берейин. Жалгыз жете албайсың жаныңа жигит коштоп берейин», – деп Өмүрбек деген жигитти кошуп берет. Өмүрбектин атасы да кыргыздан келген адам болгон.
Чоң атасынын кыйыр тууганы Байтик баатыр экенин билип, ошол кездеги эл билерманы деп ошо Байтик баатырды издеп, анын айлына келишет. Байтиктин конушунда көп ат байлануучу жайга Өмүрбек аттарды байлаганча Жөжө сүйүнгөндүктөнбү, энтеңдеп боз үй тарапка басып кетет. Көпчүлүк аттарды байлоочу мамыдан бөлөк Байтик баатырдын өзүнүн аргымагын байлоочу мамысы боз үй тарабында экен. Ошого Байтик жаңы үйрөтүлгөн чалпоо айгырды байлап жүрүптүр. Жөжө көрбөсө аны кайдан билсин. Түз эле ошол чалпоо айгырга келип урунат. Ат байлап алаксып калган Өмүрбек көрөр замат: «Токто Жөжө!» – деп кыйкырып, жүгүрөт. Аңгыча эле Жөжөнү азоо айгыр кош аяктап тепкенде, чалкасынан түшөт. Өмүрбек кыйкыргандан улам алдынан иттер жабылып Өмүрбекти талап, Жөжөгө жеткирбей калат. Бечара Жөжө бир жума ордунан тура албай, төшөктө жатышка аргасыз болот.
Байтик баатырга жолукканда Жөжө акын мындай деп саламдашкан экен.
Ассалом алейкум, кара Байтик, Аркаңан Жөжө келди ырын айтып. Атыңыз ай тамгалуу Солто деген Атаңдан калган экен үлгү-тартип.
Жоокер бабаң Солто баатыр эле, Эл четинде жоо тосуп жатар эле.
Ал кезде кичинекей перзент элең
Орунуң куттуу болсун, баатыр эми.
Берки атаң, андан берки Түлөберди, Артынан Түлөбердиден төрт уул келди. Жети атаңдан бийлигиң арылбаган, Кайраттуу тула-боюң акыл эле.
Оң менен солдон туулбайт сендей адам, Түзөлөт го алдыңа барган адам. Казак-кыргыз жыйылып баш кошкондо, Сөз айтууга жарадың чек арадан.
Добушуң Алатоодой Байтик баатыр, Далайлар даңканыңда калып жатыр. Канайдын көп уулунун ортосунда, Бириң бек, бириң султан келе жатыр.
Байбичеден Байсейит, Бошкой болгон, Толукшуп мал менен башка бирдей толгон.
Элиме көп пайдасы тийер деймин.
Байтигим аман жүрсө күчкө толгон.
Кара Байтик жеткен соң он жетиге,
Карып менен жесирге болдуң коргон, Атагыңды сыртыңан угуп алып, Инилериң бар деймин күчкө толгон.
Өзүнүн тууган экендигин билдирип, Жөжө Байтиктен ага-тууганынын арасына көчүп келүүгө конуш сурайт. «Убара болуп көчүп келбей эле кой, өзүбүзгө жер жетишпей жатат» деп Байтик баатыр терс жооп берип коёт.
Кыргыз жеринен Жөжө жарыгы өчүп бараткан шамдай көңүлсүз кайтат. Ошентип, өз заманынын албан акыны Жөжө кыргыз жергесине экинчи ирет кайтып келбей, түбөлүккө казак жергесинде кала берет.
Ж.ШЕРИЕВ
ТАРЫХ БҮКТӨМҮНДӨ КАЛГАН КӨРКӨМ МУРАС БАЯНЫ
Кыргыз маданияты, адабияты тексиз жерден жаралган бечара маданият, бечара адабият катары каралып, анын тектүү тарыхы өткөн кылымдардын кабаттарында камтылып, көрөңгөсүз көрүнүш таризде илимий ой-пикирдин объектисине айланбай келгендиги азыр баарыбызды өкүнтүп отурганын кантип жашыра алабыз. Тамырсыз дарак өспөйт, көрөңгөсүз кымыз ачыбайт. Ушул сыяктуу тарыхсыз адабият, тексиз өнөр болбойт эмеспи?! Ушул макаланы жазууга түрткү берген күч – бул азыркы күндүн талабына жараша адабиятыбыздын тарыхынан жогорку окуу журтунда таалим-тарбия алып жаткан болочок филологдорго дарс окуу болду. Мени дайыма ойго салып, адис катары тынчтык бербеген проблема – улуттук адабиятыбыздын байыркы, орто кылымдардагы жана жыйырманчы кылымдын баштарына чейинки аралыктын актай калып келген адабиятынын тарыхы эле. Эми ушул көмүскөдө келген кечиримсиз жорукка чабуул жасалып, эли-жерибиздин, өнөр менен адабиятыбыздын тарыхын тактоо иши башталды, аны иликтөө, окуп-үйрөнүүгө жол ачылды.
Арстанбек менен Калыгул, Молдо Кылыч менен Молдо Нияз, Токтогул менен Тоголок Молдо, Барпы менен Калык, Осмонкул менен Алымкул, Сагынбай менен Саякбай өңдүү чыгаан таланттар төгүн жерден эле чыккан деп айтууга эч кимдин оозу барбас. Жакында «Кыргыз маданияты» (№ 30–31. 1/Х – 1993-ж.) жумалыгында Б.Кебек ова кыскача сөз жазып, «Арстанбектин керээзин жарыялады. Ошондон бир түрмөк келтирейин:
Коркут ата даанышман, Кутулам деп өлүмдөн, Төрт тарапты кыдырган.
Сырдын боюн сыдырган,
Кырдын башын кыдырган,
Андан да айла болбогон, Акыры ажал сомдогон.
Эмне деген укмуш, эмне деген түшкө кирбеген жаңылык! Демек кыргыз ырчылары Коркут ата өңдүү жалпы түрктөргө таандык улуу инсанды, анын чыгармалары менен акылман баяндарын, коомдук ишмердигин билгендиги аталган керээздеги бул саптардан таасын көрүнүп турат. Бул жөн эле оозго кирип келген саптар эмес, ал ортодон он кылым өткөндүгүнө карабай жүздөн ашык жыл жашап, үч канга увазирдик кылып, «Коркут ата китеби» аттуу эмгекти жараткан даанышман инсандын, өлбөс-өчпөс көркөм мурасы, эл-журтту, байыркы түрк тайпаларын биримдикке, ынтымакка үндөгөн акылман адамдын коомдук ишмердиги уланып, калк ичинде аты өчпөй жашап келе жаткандыгын күбөлөйт.
Эл, анын улуу инсандары тарабынан жаралган көркөм мурас, анын классикалык үлгүлөрү эч качан өлбөй тургандыгы, ал муундан-муунга өтүп жашаары жалпыга белгилүү көрүнүш. Бул өзгөчө далилдөөнү дале талап кылбас деп ойлоймун. Буга легендалар менен мифтер, турмуштук жана баатырдык дастандар өңдүү көркөм дөөлөттөр күбөгө тартылып турат. Өзүбүздүн ыкшоолугубуз, саясы агымга ылайыкташып, утурумдук позицияга жеңдирип, илимий негизге таянуубуздун тайкылыгынын кесепетинен калкыбыздын тарыхы менен көркөм салтыбыздын тарыхынын багы ачылбай, төңкөрүштөн кийинки саналуу он жылдыктар ичиндеги коомдук-социалдык турмушубузга кудайга ишенгендей сыйынып, көп нерседен куру кол келдик го! Орто кылымдагы жалпы түрк тайпаларына тегиз таандык Махмуд Кашкари менен Жусуп Баласагынга да жарытылуу көңүл бурбай, курулай кекирейүүчүлүктүн үзөнгүсүнөн бутубуз түшпөй жүрбөдүбү?!
Турмуш чындыгын кайда катып, тарых жолун кантип тосуп коюуга болсун. Атактуу Алдаш Молдонун сарбагыш менен бугунун чабышына байланыштуу калтырып кеткен мурастарын окуп отурсаң, мындай саптарга кездешесиң:
Ошол заман баары өттү.
Нечен кылым эр өттү,
Кожо Ахмат Яссави,
Каусул Агзам пир өттү,
Нечен кылым калк өттү.
Бул үзүндү бир караганда жөнөкөй гана факты катары көрүнөрү бышык, а чындыгына келгенде Алдаш Молдо кандай жол менен, болгондо да Чыгыштын чыгаан инсандарынан бирөө Кожо Акмат Яссавиден, анын чыгармаларынан кабары бар экендигин дааналап турат. Демек, ата-бабаларыбыз жаратып, аска-зоого, жыгач-ташка, кагазга жазып калтырган сөз өнөрүнүн үлгүлөрү, атадан балага куйрук улаш уланып отурган оозеки чыгармаларыбыздын мыктылары чексиз өмүргө ээ экендигин бүгүн, кеч болсо да колго алып отурушубуз жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болуп жатат. Буга да шүгүрчүлүк кылганыбыз оң. Эми кол куушуруп отурбай жалпы киришип, улуттук адабиятыбыздын тарыхын тактоо, азырынча прикладдык мүнөздө болсо да иликтөө ишин жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Ушул максатта адабиятыбыздын тарыхынын башатынын айрым учурларын окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.
«Коркут ата китеби»
«Коркут ата китеби» – түркий тектеш элдердин байыркы тарыхын, турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, салт-санаасын, акындык өнөрүн тааныта турган эпикалык, ары тарыхый мурас. Бул чыгарма VII–VIII кылымдарда Сырдарыя боюн мекендеген огуз-кыпчак урууларынын ичинен чыгып, кылымдардын кырын ашып, урпактан-урпакка, муундан-муунга өтүп рухий казына катары биздин күнгө чейин жеткен адабий, тарыхый, этнографиялык мааниси терең чыгарма болуп эсептелет.
Коркут ата VIII кылымдарда Сырдарыя боюнда жашаган баатыр, атактуу акын, күүлөрдүн устаты, таланттуу баяндамачы болгон. Анын энеси кыпчак уругунан, атасы Каракожо огуздардан экен. Ошол себептүү Коркут баатыр кыпчактар менен огуздарга бирдей карап, экөөнү тең көргөн, эки жактын тең атактуу адамы эсептелет. Ал өзүнүн даанышмандыгы менен узак жылдар бою эл башкарган, көсөм, үч канга увазирлик кылган даанышман инсан экендигин тарыхый маалыматтар бекемдейт…
Маалыматтарга караганда Коркут ата ашкан күүчүкомпозитор болуптур, ошол себептүү бир катар түрк элдеринин ырчылары менен күүчүлөрү аны пир-устат тутушуптур (күү атасы Камбарканды, Бекарстанды элестетип көрүңүз);
Ырдоонун үлкөн пири Коркут ата, Бата алган бардык ырчы ашкан ата.
Таң калып журттун баары турчу экен.
Комуз менен Коркут ата күү тартканда, – деген ыр саптары ушул күнгө чейин сакталып калган.
Эл оозунда аңыз сөздөргө караганда Коркут ата желмаянын минип алып, жер кыдырып, элине жайлуу жайыт издеп, өмүр бою ажалга каршы күрөшүп, өлүм дегенди билбеген ажайып инсан иретинде баяндалат. Өмүрүнүн акырында ал баары бир өлбөгөн жан болбойт экен деп, өлбөстүктү комуз күүлөрүнөн көрүп, улуу ырчы жана комузчу түбөлүк өмүрдү өз чыгармаларынан, күүлөрүнөн табат. Коркут атанын жан жыргаткан күүлөрү, улуу накыл сөздөрү, ар бир сабы макал-лакапка айланган ырлары урпактан-урпакка асыл мурас катары өтүп, түбөлүк казына катары оошуп өтүп отуруп, кылымдаган өмүрүн улантууда.
Улуу даанышман, атактуу акын, укмуштуудай күүчү-музыкант Коркут атага арнап, болжол менен X–XI кылымдарда Кызылордонун Кармакчы аймагына күмбөзпантеону салынган, аны азыр да атайын адам көзөмөлдөйт экен. Сырдарыянын бир ташкынында күмбөз бузулуп, анын бир гана ныптасы калат, аны Өкмөт атайын колго алат, 1980-жылы улуу инсанга эстелик орнотулат. Ошондон эртели-кеч күүнүн сыйкырдуу үнү угулуп турат деген кеп бар. Архитектор обелискти улуу музыканттын талантын эске алып, төрт комузду бири-бирине сүйөп, бириктирип коюу аркылуу композиция түзгөн. Ошентип, сандаган кылымдарды басып өтүп, түркий элдер сүйгөн инсандын ыр-дастандарынан кабар берип, бул эстелик элдин көңүлүнөн чыкпас мураска айланган.
«Китептин кол жазмасынын эки нускасы бизге жеткен. Анын бири азыр Германиянын Дрезден шаардык китепканасынын сейрек кездешчү кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Анда китептин аты «Кitavu дедем Каркут гали лисани танфаи у огузан» же «Коркут атанын огуз уруусу тилиндеги китеби» деп жазылган. Дрездендеги кол жазма он эки ырдан, б. а. он эки огуз-намеден турат.
«Коркут ата китебинин» экинчи кол жазма нускасы Ватикандагы (Италия) Аростолика китепканасында сакталып турат. Бул кол жазмада алты ыр бар. Ал «Хикаят огуз-нама Казатбек уа гайри» деп аталат. Бул кол жазманы биринчи таап, италия тилине которгон Этторе Росси болгон.
«Коркут ата китебинин» Дрездендеги толук вариантын изилдөө, Европа тилдерине которуу иши XIX кылымдын биринчи жарымында башталат.
1815-жылы немистин белгилүү ориенталист илимпозу Г. Ф. Дин бул чыгарманын бир бөлүгүн – сегизинчи баянын немис тилине которуп, баш сөз жазуу менен жарыялаган. Экинчи бир немис окумуштуусу Теодор Нельдекс «Коркут ата китебин» немис тилине толук которуп чыкмак болот. Бирок ал бул ишти аягына чыгара албай, аны аягына чыгаруу үчүн бардык материалды өз окуучусу В.В. Бартольдго тапшырат. Ал бул иш менен ондогон жылдар бою алектенет. Ошентип, ал 1922-жылы «китепти» орус тилине которуп чыгат. Тилекке каршы, китеп анын көзүнүн тирүүсүндө жарыяланбай калат. Бул котормо 1962-жылы В. М. Жирмунский менен А. Н. Кононовдордун редакциясы астында басылып чыгат.
Огуздардын баатырдык эпосун адабий, тарыхый жана лингвистикалык жагынан ар тараптуу изилдеген белгилүү илимпоз, көрүнүктүү түрколог X.Г. Гороглы болду (бул окумуштуу «Бүткүл дүйнөлүк адабияттын тарыхынын» авторлорунун бири, өзбек адабиятынын тарыхын жазууга активдүү катышкан).
Стамбул университетинин профессору Эргин Мукаррем «Коркут ата китебинин» толук текстин латын ариби менен транскрипция жасап бастырып чыгарган. Бул китепке кошумча иретинде чыгарманын Дрезден, Ватикан кол жазма нускаларынын факсимилеси да тиркелет.
Улут адабияттарынан казак адабиятын изилдөөчүлөр бул дастанга көп көңүл буруп, академик А. Маргулан, проф. А. Конуратбаевдер изилдөө, которуу ишине көп көңүл буруп келе жатышат.
Бул чыгарма өзгөчө казак, каракалпак, түркмөн жана азербайжан элдеринде азырга чейин оозеки аңызга айланып, айтылып жүргөн бир нече өз алдынча мүнөздөгү сюжеттердин циклинен турат.
Азербайжан изилдөөчүсү X. М. Демирчизаде «Китаби дэдэ Горгуд» дастандарынын тили» деген эмгегинде (Баку, 1959-ж.) «Коркут ата китеби» ошол кездеги огуз-кыпчак тайпаларынын баарына бирдей түшүнүктүү орток тилде жазылды» деп белгилейт.
Байкоого караганда, бул чыгарма өзгөчө казак, азербайжан, түркмөн калктарында кеңири тарап аларда азырга чейин эл арасында анын сюжет жана кейипкерлери жөнүндө уламыш-баяндар кеңири учурайт.
Коркут – бул ыр менен күүнүн атасы, ал өзгөчө огуз, кыпчак жана канды урууларын башкарган даанышман инсан катары белгилүү. Коркут ата жөнүндөгү дастан Орто Азия менен Сыр боюнда жаралып, узак мезгил оозеки айтылып жүрүп, XVI кылымда гана кагазга түшүрүлгөн.
Огуздар – бул түрктөрдүн бир канаты, алар корлуктар жана башка түрк уруулары менен аралашып, Ангрен менен Чыйырчык, Чатка менен Угам аймактарын мекендешкен. Тарыхый маалыматтар боюнча огуздар Сырдайранын төмөнкү агымында жашашкан, алардын ири шаарлары Жаңыкент, Өзкен (мүмкүн Өзгөн), Барчынкент (Кызкалаа) ж. б. болгон. Сырдарыянын боюнда кыпчактар да жашаган. Алардын шаарлары Сыганөк, Сауран, Түркистан болгон. Кийин огуздар ар жакка тарап кетип, алардын айрым топтору этнос катары казактар менен аралашып, аларга сиңип кетишкен деп белгилешет.
Эң байыркы заманда Сырдын төмөнкү агымында жайгашкан Женкент калаасы – узак жылдар бою огуздардын борбору болгон. Ушуга байланыштуу казактарда «Суу аягы Коркут» деген макал да сакталыптыр. Ошентип, Сырдын төмөнкү агымы даанышман, ыр менен күүнүн атасы адамзатка жакшылык каалаган, акыл-санат кептерин чыгарган Коркут атанын мекени болуп эсептелет.
Казактарда Коркут ата жөнүндө азырга чейин ар түрдүү укмуштуу баяндар, уламыштар айтылат экен (балким, бул өңдүүлөр башка түрк элдеринин да бир катарында болушу толук ыктымал). Ошондой уламыштардын айрымдарын Н. Келимбетовдун жазганы боюнча келтире ке тели.
Коркуттун төрөлүшү жөнүндө: аны энеси төрөй албай үч жыл жүрүптүр, ар жылы бир жолу толгоо тартып жүрөт. Үчүнчү жылы күн алай-дүлөй болот. Үч күн, үч түн бою караңгылык басат. Эл-журтту коркунучтун сезими каптайт. Сыр бою менен Каратоонун этектеринен асманы да карарып кетет. Ошол себептүү бул аймак «Карасман» аталып калат.
Ачык күн көөдөй карарып, түнгө айланган коркунучтуу күнү төрөлгөндүгү үчүн баланын атын Коркут коюшат экен.
Коркут энесинен төрөлөр замат тил чыгып, сүйлөй баштайт. Байыркы замандын комузчулары менен ырчытөкмөлөрү айтчу ырлар да сакталыптыр:
Коркут туулар кезинде, Кара асманды суу алган.
Кара жерди күл алган Ал тууларда эл коркуп,
Туулган соң абдан кубанган.
Коркут жөнүндө ар түрдүү уламыштар, сыйкырдуу баяндар эмдигиче айтылат экен. Ошолордун бирөө – Барчынкент. Бул сулуулардын калаасы делип, кийин аны Кызкалаасы деп айтып жүрүшүптүр. Коркуттун туулган, өскөн жери жөнүндө да ар түрдүү аңыз-аңгемелер бар. «Коркут ата китеби» он эки ырдан-намеден турары белгилүү.
Бул дастан жөнүндө кыргыз адабият илиминде жеткиликтүү кеңири маалымат жок. (Чынын айтканда, мындан мыктысын да сөз кылуу бизде бөкөчө көрүнүп жүрбөдү беле!) Кыргыз совет энциклопедиясынын IV томунда гана кыскача маалымат бар.
Эми кепти «Коркут ата» китебинин айрым наме-баяндарына буралы.
«Дерсенкан уулу Букаш тууралуу ыр»
Н. Келимбетов «Ежелги даур адабиятында» (окуу куралы) «Коркут ата китебинин» 12 баянынын сюжетин берген, бул маалымат биз үчүн бирден бир колдо бар булак, ошондуктан ошол баяндарды казак тилинен кыргыз тилине салып, аны мезгили келгенде хрестоматияга киргизип, же өзүнчө китеп кылып чыгарып, окутуу ишинде пайдаланышыбыз керек.
Китептин биринчи баянынын сюжети:
«Мурунтан калыпташкан адат боюнча Баяндар кан жылына бир той жасап, огуз бектерин мейманга чакырчу экен. Бул ирет да ошондой болот. Тойго төөдөн – буура, жылкыдан – айгыр, койдон – кочкор союлсун деп жарлык бердирет. Ошол күнү бир жерге ак отоо, бир жерге кызыл отоо, дагы бир жерге кара отоо жасатат (боз үйлөр аталган түстө тигилет). Тойго келген коноктордун уул баласы барларын ак отоого, уулу жок, бирок кызы бар кишилерди кызыл отоого, уулу да, кызы да жок конокторду кара отоого киргизет. Кара үйгө кирген конокторго кара койдун этин берип, кара кийизге отургузат. «Же уулу, же кызы жок; кандарды теңириңдин өзү каргаган, биз да ошондой кылабыз», – дейт Баяндар кан.
Дерсе кандын уулу да, кызы да жок эле. Ал бул кордукка чыдай албай, кара отоодон чыгып кетет. Кайгырып кан жутуп ыйлайт. Дерсе кан баласыздыкка кайгырып, аялына өзүнүн кайгы-муңун айтып, күйүтүн билдирет:
Келчи бери, башымдагы бактым, үстүмдөгү тирегим, Сен үйдөн чыга бергениңде көзүмө кипаристей көрүнөсүң.
Томогуңа түшө турган кара чачың бар сенин,
Кошулуп турган каштарың – тарткан саадак шекилдүү,
Кош бадам салса сыйбачу оймок ооз өзүңсүң,
Күзгү алмадай кызарып, жүзүң сенин жайнап тур, Бышпаган менин жыттуу коонумсуң, Мага не болгонун билесиңби сен.
Ошондо аялынын кеңеши боюнча Дерсе кан ач-жылаңачтарга арнап көп кайыр-садага берип, ата-бабасынын арбагына сыйынып, теңирден бала тилейт. Күндөрдүн бир күнүндө аялынын боюна болуп, бир бала төрөйт. Бала он беш жашка толот. Бир күнү достору менен ашык ойноп жүргөндө кандын кутурган букасы бошонуп кетип, балдарга тап берет. Бардык балдар качып кеткенде, Дерсе кандын уулу коркпой, дөөдөй буканы таяк менен уруп жыгат. Ошондон бала Букаш аталып кетет. Буга ыраазы болгон атасы уулуна энчи берип, аны бектер катарына кошот.
Бирок Дерсе кандын күнүчүл нөкөрлөрү атасын баласына каршы багыттап салат. Бир күнү Дерсе кан аң уулап жүрүп, өз баласын өзү атып коёт. Бир шумдуктун болоорун жүрөгү сезген энеси өзүнүн кырк нөкөр кызы менен баланы издеп жолго чыгат. Ай талаада өлүм алдында жаткан уулунун жаратын энеси ак сүтү менен эмдеп, аман алып калат. Ошол кезде опасыз нөкөрлөрү Дерсе кандын өзүн өлтүрмөк болушат. Баатыр Букаш атасынын душмандарын кырып салып, Дерсе канды туткундан бошотуп алат. Коркут ата Букаштын ушул эрдигин ырга салган экен.
Бул сюжет байыркы түрктөрдүн бабалары тарабынан жаралып, акыйкатчылык, эрдик даңазаланат. Көрсө, түрк элдериндеги баатырдын теги тээ байыркы мезгилдерде эле башталып, ал кийинки доорлордо жаралган баатырдык эпосторго уютку болуп бергенин өзгөчө белгилебей коюуга болбос. Аталган сюжеттин айрым мотивдери кыргыздын баатыр эпосторунда улантылган, т. а. өз жаны, өз малы үчүн баласынын жанын кыюуга чейин барган Элеман менен Эр Төштүктүн окуясы, байкабастан тилеп-сурап алган баласын атып алуу – «Карагул ботомдо», кырк жигит, кырк кан жөнүндөгү айтымдын «Манаста», «Курманбекте», ж. б. улантылышы Дерсе хан жана анын баласы Букаш жөнүндөгү ырдын түрк урууларынын адаб иятынын пайдубалы катары кызмат өтөөрүн далилдеп турат.
Салар казандын үйүн жоо чапканы жөнүндөгү ыр
Казан Салар – «Коркут ата китебинин» башкы каарманы, «Огуз-нааме» дастанынын сүрөттөөсү боюнча алп-баатыр Казан – Коркут атанын замандашы. Ал огузкыпчактардын улуу коргоочусу Баяндар кандын күйөө баласы, «тоолуу күчтүн урпагы, Түркстандын тиреги, Карашак тоосунун кабыланы, Коңураттын иниси, кан Ороздун атасы».
Белгилүү тарыхчы Абылгазынын айтуусу боюнча Казанбектин жакшы көрчү, ары ордосунун кан турган жери, баатырдын сыйынып, аш-садага берчү жеринин орду – Казыкурт тоосу болгон. Эски баяндар боюнча ошол тоодо байыркы кездерде улуу адамдар тура турган ажайып үңкүр болгон экен. Баатырлар ошондо «Алтын кабак» аташкан. Коркут ата ошол Казыкурт тоосуна тан берип, Казанбекти мактап ыр чыгарган:
Казыкурт тоосундагы үңкүр ташты, Салан Казар барып көрүп кетти. Анда ата-бабасына садага таратты, Ит Бешене аны көрүп эси кетти.
Бир казанга кырк бир аттын этин салды.
Ал казанды сол колу менен көтөрөт.
Оң колу менен элге жүрүп үлөштүрөт.
Алптар, бийлер, көрдүңөрбү Казанбектин ким экенин.
«Салар Казандын үйүн жоо чапкандыгы жөнүндөгү ырдын» негизги себеби – огуздардын каршы уруулар менен өз ара карым-катнашы дешке болот. Огуздар менен Коршу уруусунун өз ара мамилеси огуз-кыпчак доорундагы эң көкөй кести маселе болгондугун тарыхый даректер далилдейт.
«Аң уулап жүрүп Казан Салар бир күнү узак уйкуга кетет. Муну сезген жоо ыңгайлуу жайды пайдаланып, Огуздар кол башчысынын ордосуна чабуул жасап киришет. Баатыр өз үйүн коргоого уулу Орозду үч жүз нөкөрү менен таштап кеткен эле. Ал жети миң колдуу печенегдерден жеңилип калат. Казанбектин аялы Бөртө катын да душманга каршы баатырларча эрдик менен күрөш жүргүзөт. Бирок баары бир эки жактын күчү тең эмес эле. Душман Казан Салардын үйүн тоноп, аялын, баласын туткундап кетет.
Печенегдер Казан Саларды жеңгендигинин урматына чоң той жасайт. Алар Казанбектин кадыр-баркын тебелөө үчүн ошол тойдо баатырдын аялы Бөртө сулууга шарап куйдуруп коймок болушат. Бирок Бөртө сулуу өзүнүн да, күйөөсүнүн да ар-намысын коргоп калуу үчүн ажалга бекем бел бууйт. Ошентип, ал жандап жүргөн кырк нөкөр кыздарга «Менин ким экенимди айтпагыла» деп буюрат. Печенегдер буларга келип: «Ичиңерде кимиң Бөртө сулуусуң(?) деп сураганда, кырк кыз бирдей «мен» деп жооп беришет. Ошондо жоо жактын ханы жан чочурлук жарлык берет. Казанбектин туткунда жаткан баласын союп, этин барчалап, казанга куурутуп, андан кийин ошол этти мынабу кырк катынга апкелип бергиле. Кимиси этти жебесе, ошол баланын энеси жана Казанбектин катыны болуп чыгат» – дейт. Муну эшиткен Бөртө катын уулунан барып сурайт:
- Балам, сенин этиңди жейинби же душмандын төшөгүнө жатып, атаң Казанбектин намысын тебелетейинби?!
- «Урматтуу апа! Мейли, душман мени союп, этимди барчалай берсин. Менин этимди кууруп, бектердин кырк кызына тартсын. Алар бир-бир кесим этимди жеп болгончо, сен эки кесим этимди же, апа. Бек сенин ким экениңди билбесин! Атамдын ар-намысын кас душманыбыз буту менен баспасын! Ар-намыс жолунда жаным курман, урматтуу апа!»
Бул сюжеттен огуздардын биримдигин, ар-намысты бийик тутушун көрөбүз. Эненин ар-намысын да түшүрүүдөн ашкан оор нерсе жок, андан аябай коркушкан. Муну биз Казанбек менен Шиокту-Маликтин ортосундагы диалогдон ачык көрөбүз.
Казанбек энеси Чачактынын ар-намысын сактап калуу үчүн бардык мал-мүлкүн берүүгө, өз уулу жана аялын жоо туткунунда калтырууга да азыр. «Коркут ата китебиндеги» ошо бир эпизод атактуу тарыхчы Абылгазынын «Шежире-и-түрк» аттуу чыгармасында элес берип, бир жолу эскертилет. Абылгазы минтип жазат: «Ал кезде Бешене (печенег го) элинин бир падышасы бар эле, аты – Таймандык. Ал келип Энкештин («Коркут ата китеби» боюнча Салар Казандын) үйүн тонойт. Чачактыны өздөрү менен кошо алып кетет. Үч жылдан кийин Энкеш көп дүйнө берип, энесин бошотуп алат. Кайтып келгенден алты айдан кийин Чачакты бир уул бала төрөйт. Энкеш ошондо энесин «бул уулду кайдан таптың» деп таяк менен уруп, башын жарат. Ошондо Чачакты айтат: – Караңгы түшкөндө жоо келди. Сен коркконуңдан бозоруп, качып кеттиң. (Коркут ыры боюнча – уктап жаттың). Мен төөнү минип, сенин артыңдан кеткен элем. Ит Бешене артымдан кууп жетти, төөнү буйласынан кармап, кызыңдай баштады. Үстүмө минип ойноду, эрк-сезимди бийлеп алды, ушул уланды ичиме салды». Бул баланын чыккан теги ит Бешене элинен болгондуктан, ага Ирек деп ат койду. Түрктөр арасындагы салт боюнча иттин атын ирек, же болбосо Серек деп коёт. (А. Н. Кононов, Родословная түркмен. М.–Л., 1938, 73–77-бет).
Ырас, Коркут дастанында печенегдер Казанбектин энесин эмес, аялын туткундашат. Ошентсе да Коркут ырында да энесин туткундаганын да эскерген учурлар бар. Мисалы, Казанбек менен печенегдердин аскер башчысы Шиокту-Малик диалогуна назар салып көрөлү: «Казанбек айтты: Эй, бешене, сен менин карт энемди алып кеттиң го! Менин энемди өзүмө кайтар!
Шиокту-Малик айтты: – Сенин карт энеңди биз алып кеттик, ал энең биздики, аны сага бербейбиз. Биз аны Жайкан топтун уулуна беребиз. Жайкандын баласынан ал уул табат…»
Бул ыр Салар Казандын жеңиши менен, той-тамаша менен аяктайт. Анда ошол окуя жөнүндө мындай делет: «Бир күнү Казанбек улан уулу, Тоолуу куштун урпагы, биз өңдүүлөрдүн үмүтү, Амет суусунун арстаны, Карачыктын кабыланы, Кан Ороздун атасы, Баяндыр кандын күйөө баласы, Коңураттын иниси, калың Огуздардын бактысы, бардык жигиттердин аркасы Салар Казан ордунан турду. Токсон жерге калы килем төшөттү, сексен жерге алтын кесе, дасторкондор жайдырды». Ыр ушундай тойтамаша менен аяктайт.
Н. Келимбетов мындай жыйынтык чыгарат: «Коркут ата китебиндеги» аңыз-аңгемелер куру кыялдан эмес, тарыхый окуялар жакшылык, жамандык, ар-намыс, адамгерчилик ж. б. толуп жаткан маселелер жөнүндөгү түшүнүк угумун бул ырлар бүгүнкү урпакка кем-кетиксиз, коротпой жеткизип отурат. Ошол кездеги Огуз-Кыпчак журтунун тектүү салт-санаасын, үрп-адатын, моралдыкэтикалык байкоолорун көз алдыга толук элестетет. Казан Салар ырынын эл коргоо, ар-намыс үчүн күрөшүү, изги ниетте болуу жөнүндөгү ой-пикирлери таптакыр эскирбей турган асыл эрежелер болуп, урпактан-урпакка руханий мурас иретинде улана бермекчи.
Бул бөлүмдө огуз-кыпчак тайпаларынын биримдиги, чет душмандарга каршы бирдиктүү аракети, ынтымагы берилет. Китептин башка бөлүмдөрүндө бектер, бийлер, баатырлар өз-өзүнчө бөлөк болуп, ал турсун бири менен бири жоолашканы баяндалат.
Журналда «Коркут ата китебинин» бардык бөлүктөрү, алардын сюжети менен тааныштыруу мүмкүн эместигин эске алып, «Коркут атанын китебине» кыскача токтолуу менен чектелүүгө туура келет.
Ошентип, «Коркут ата китебинин» негизги сюжетин түзгөн каармандар: атактуу ырчы, улуу күүчү, огуз-кыпчак элинин даанышман акылманы Коркут атанын өзү, ашкан баатырлардын – алптардын улуу агасы, бардык бектердин беги Салар Казан (Казанбек), күйөөсү сапарда жүргөндө эркек кишилерче курал алып асынып, жоого каршы тайманбай, кан майданга чыккан Казанбектин аялы Бөртө сулуу, анын уулу Орозбек, адалдык үчүн ажалга башын сайган Бамшы – Бейрек дешке болот. Ошону менен бирге жан алгыч азрейилге каршы чыккан эр Домрул, жалгыз көздүү дөөнү айла менен өлтүргөн баатыр Бисат, күч-кубаты, эрдиги өзүнөн кем эмес келинчек издеген алп Кантуралы, салмагына сан жеткис чокмор кармап согуша турган Директи жеңип, өз атасы Казылык-кожону жоо туткунунан бошоткон эр Жүгөнөк. Огуз элинин чек арасын жоодон коргогон Бегил менен анын эр жүрөк уулу Амрен, ага-инилүү Эгрек менен Секрек баатырлар, эл башкарган Баяндыр кан, Дерсе кан, анын баласы Букаш баатыр ж. б. жаркын мүнөздөрү жаралган.
«Коркут ата китеби» он эки бөлүмдөн турган чыгарма, алар кийин биригип, бир бүтүн чыгармага айланган болушу ыктымал, анткени ар бир бөлүм өзүнчө бүткөн ой-маанини билдирет. Албетте, Коркут ата өзү, өзгөчө Казанбек баатыр үчтөн окуяга катышышат. Экинчиден, аталган дастан дароо эле азыркы бизге жеткен түрүндө жарады деп айтуу кыйын, себеби ал мезгилде мындайча болушу үчүн шарт да көркөм түшүнүк да, жөндөм да туура келбеши мыйзамга ылайыктуу. Дастан композициялык жагынан да ырааттуулукту сактай алган эмес.
Дастан композициялык жагынан кара сөз менен ырдын өз ара айкалыш келүүсүнөн түзүлөт. Бирок кара сөз бул жерде жорго сөз түрүндө келип, көп учурда аны ырдан ажыратуу кыйын. Дастанды орус тилине которгон В.В.Бартольд бул жөнүндө белгилеген экен. Албетте, кара сөз менен ырды көбүнчө сырткы форма – уйкаш, окшоштуруп турат.
Дастандагы ырлар да муун топтору, ыргактын сакталышы боюнча бирдей эмес, кээ бирлеринде ыр сабы үч муундан он алты муунга чейин жетет.
Коркут ырларында айрым сөздөр Билге кагандагы сөздөр менен өтө окшош учурлары да бар.
Домрул: «Менин көрөр көзүм көр болду,
Тутар колум кармабас болду, ажал менен Азирейил келгенде ушундай деп айтат. Күл-Тегинде: «Иним КүлТегин керек болты (олду), Өзүң сакынттым. Көрөр көзүм көрбөс болду, Өзүм сакынттым».
Дастандын тилинде огуз-кыпчак тилдерине мүнөздүү көрүнүш сакталган: кыпчактарда, кулун, айгыр, боз айгыр, бука, кулун, кыраан ж. б.
Үй-турмушуна пайдалануучу сөздөр: турак, ордо, журт, айран, кымыз, комуз (кобуз), үй ж. б.
Эрдик, согуш сөздөр: эр, алп, жарак, кошун, калкан ж. б. Бул өңдүү көрүнүштөр азыркы түркий эле эмес, кыргыз элинин да тилинде толук кездешерин белгилөө чоң мааниге ээ.
Китепте акыл-насаат, учкул канаттуу сөздөр жыш учурайт. Айрым далил-фактыларга кайрылып көрөлү.
Коркут ата айтат: Ажал убакты жетмейинче, эч ким өлбөйт, өлгөн адам тирилбейт, чыккан жан кайтпайт. Текеберликти теңир сүйбөйт. Көңүлү төмөн эрде дөөлөт болбойт. Жат баланы канчалык асырасаң да бала болбойт. Кар канчалык калың жааган менен жазга калбайт. Гүлдөп чыккан байчечек – күзгө жетпейт. Тозгон пахта бөз болбойт. Эзелги жоо эл болбойт. Энеден өнөк албаган кыз жаман, атадан таалим албаган уул жаман. Эненин көңүлү балада болот ж. б.
Коркуттун эл-журтуна кайрылышы: Жол кыйындыгын көрбөгөн, жабагы миңген жигитке Кавказ аргымагын миңгизүүдөн пайда жок. Колуна өткүр кылыч алып, аны иштей билбеген коркокко шилтеп, күчүңдү сарп кылба. Баатыр туулган жигиттин жаасынын огу да кылычтай кесип түшөт. Ат жебеген ачуу чөптүн гүлдөп өспөгөнү жакшы. Атанын атын булгаган акылсыз баланын ата омурткасынан жаралып, эне курсагында жетилип туулбаганы жакшы. Ата даңкын чыгарып, өзүнүн тегин кууган балага эч ким жетпейт. Сөзүнө бек, чынчыл адамга бул дүнүйөдө отуз жылды үчкө көбөйтүп, өмүр сүргөн да аз…
Күн менен түндүн келгенин боз торгой билет. Уулдун кимден төрөлгөнүн эне билет.
«Аял төрт түрдүү болот – дептир Коркут. – Анын бири – нээти куураган аял, экинчиси – ынсапсыз аял, үчүнчүсү – үйдүн куту болгон аял, төртүнчүсү – кесир аял. Аял бүткөндүн эң жаманы ошол…
«Коркут ата китеби» казак тилине да которулуп, 1986жылы «Жазушы» басмасынан жарык көргөн. Демек, кыргыз коомчулугу да ушундай байыркынын улуу мурасынан даам татып, андагы акыл менен сезимге толо көркөм дөөлөт менен өз эне тилинде окуп, рухий байлыгына каныгар мезгил да келип жетер деген үмүттө сөзүбүздү аяктайбыз. «Огуз-наме»
«Огуз-наме» («Огуз жөнүндө жомок», «Өгүз каган» (Ч. Өмүралиев) «Огуз каган эпосу») – тектеш түрк калктарынын баарына тиешелүү эпостук чыгарма. КСЭде «Огуз-наме» жөнүндө:
«Огуз-наме» – огуз түрктөрүнүн түпкү атасы жана мифтик бабасы Огузкаган (Огуз кан) жөнүндөгү эпикалык чыгарма» (лар?). «Огуз-каган» жөнүндөгү дастан эчендеген аалымдарды кызыктырып, ага тиешелүү маалыматтар, илимде бир топ эле бар, бирок улам кийинки мезгилге өз оңдоолору менен толуктоолорун, тактоолорун киргизүүдө. Түрк калктарында да бул чыгармага карата ой-пикирлер, изилдөөлөр жанданууда.
Дастандын алгачкы баяны XIII кылымда көөнө уйгур ариби менен катка алынган Рашид-ад-Диндин атактуу «Жамаагат тарыхынан», Абылгазынын «Түрк санжырасынан» ачык көрүнөт. Огуз каган жөнүндө санжыраларда, уламыш-легендаларда айтылат. Бул чыгармага көңүл буруу XVIII кылымда эле башталат. Анын айрым үзүндүлөрүн немис окумуштуусу Ф. Дитц 1815-жылы которот. Ошондон бери Бичурин, В. Радлов, А. Бернштам, А. Щербак, С. Кононовдор кайрылышкан.
Кийинки кездерде Огуз баянына кызыгуу жанданып, 1987-жылы Бакы шаарынан Рашид-ад-Динге таандык «Огуз наменин» Стамбулда сакталып турган нускасы илимий жагынан жабдууланып жарыяланат. 1988-жылы казак илимпозу маркум Кулмат Өмүралиевдин «Огуз кагандын тили» деген эмгеги жарык көрөт.
Кийинки жылдары кыргыз аалымдары да бул улуу мураска кайрыла баштады. 1989-жылы «Алатоо» журналына көөнө түрк тилинен азыркы кыргыз тилине салынган 42 түрмөктөн турган үзүндүсүн Ч. Өмүралиев жарыялады. Бул «Огуз наменин» кыргыз тилиндеги биринчи үзүндүсү. Ушуга да шүгүрчүлүк.
Ошентип, бул дастан азербайжандар менен казактарда (Ч. Өмүралиев) толук басылып чыккан, бизде үзүндүсү болсо да бар. «Кыргыздар» жыйнагында Абылгазынын китебинен бир бап берилген.
«Огуз-наме» – ары көркөм, ары тарыхый чыгарма. Бул чыгарма көркөм кара сөз, проза түрүндө жаралган чыгарма экендиги талашсыз, бирок адаттагы кара сөздөн айырмаланып, ал белгилүү бир ыргакка келтирилип, жорго сөз менен жазылган. Ошол себептүү кээде аны «Огуз ыры» же болбосо «Огуз дастаны» деп атап жүрүшөт.
«Огуз-намеде» негизинен Огуз кагандын аскердик иштери, баатырдын кан майдандагы согуштук эрдиктери чагылдырылат. Андагы негизги маселе – элдерди биримдикке, эрдикке, адамгерчиликке үндөө, тышкы душманга каршы күрөшкө чакыруу.
Огуз каган, анын тарыхый таржымалы да окурманды кызыктырбай койбойт. Огуздун тарыхта прототиви барбы деген да собол жөндүү нерсе. Ушул жерде Ч. Өмүралиевдин «Алатоого» жарыяланган макаласындагы ойлорду эске алууга туура келет. Анын маалыматы боюнча изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Огуздун тарыхый прототиви бар деген ойго келишкен. Бирок бул маселеде кайчы пикирлер арбын. Мисалы, Бичурин Хундардын каганы теңир куту Модэ деп болжосо, кээлери Чыңгыс канды да атайт, кээси Искендер Зулкарнайн деп да жүрөт. Бирок бул жагдайда ушул күнгө чейин бирдиктүү пикир жок, баары эле болжол – гипотеза. Ошондой болсо да «Огуз каган» эпосунун текстин изилдөөгө алган окумуштуу Бернштам төмөнкү беш катмарды көргөн экен:
- Матриархат доору патриархат дооруна оошкон чак.
- Таптык мамилелердин калыптануу мезгили.
- Гун доору. Огуз менен Модэ ортосундагы жалпылык.
- Байыркы түрк доору. VI–VIII кылымдар.
- Печенег-кыпчактар доору. IX–XIII кылымдар.
Биз бул жерде маселенин тарыхый жагын токтото туруп, анын көркөм мурас катары жалпы түрк урууларына тиешелүү орток маданий мурас катары карайбыз.
Огуздар – байыркы, көөнө түрк урууларынын бири, алар Сырдын төмөнкү агымында жашаган, ири Жаңыкент өңдүү ордо шаарлары болгон, X кылымдарда алардын өзүнчө мамлекети болот. Саясы биримдик катары жашашкан. Алар Киев орусу менен мамиле түзөт, алар менен кошулуп, Хазар кагандыгына каршы согушуп да көрөт, кийин орустар менен кошулуп, Эдил жана Кама өзөндөрүнүн боюндагы булгарларга каршы күрөшүп ташталканын чыгарып жеңет. Мына ушундай огуздардын жоокерлик турмушу – Огуз каган жөнүндөгү дастандын жаралышына негиз болот.
«Огуз-наме» – түрк калктарынын ичинде тээ байыркы мезгилдерден бери уламыш, легенда түрүндө айтылып келет, жазылып да келет. Асилинде Огуз баатыр жөнүндөгү уламыштар IX–X кылымдарда эле жазмага түшүрүлгөн болуу керек, бирок ошол алгачкы түп нуска бизге жеткен эмес.
Азыркы кезде «Огуз-наменин» бизге жеткен нускалары төмөнкүлөр:
Биринчиси – уйгур арибинде көчүрүлгөн, ошол нуска Париждин улуттук китепканасынын казынасында сакталып турат.
Экинчиси – араб ариби менен жазылган, бул нуска атактуу тарыхчы, белгилүү аскер жол башчысы, Хиванын Ханы Абылгазы бин Араб Мухаммедхан (1603–1663) – казактарда, (ал эми «Кыргыздар» жыйнагында Чоюн Өмүралы 1603–1674-жыл деп көрсөтөт). Кыргыз Совет энциклопедиясында берилген эмес. СЭСде Абу-ль-гази Бахадур кан (1603–1663) «Узб. писатель-историк» деп берилиптир?! Абылгазынын нускасы 1824-жылы 1906жылы Москвадан жарык көрөт.
Эгерде биз Чоюн Өмүралиевдин жазганына таянсак, анда «Огуз-наменин» үчүнчү нускасы – Стамбулда сакталган Рашид ад Динге таандык, мурдагы «Жамагат тарыхында» кездешпеген жаңы нускасы илимий жабдууланып, 1987-жылы Бакудан жарык көргөн.
Азыр биздин колдо «Огуз каган» жөнүндө Абулгазынын «Түрк санжырасы» китебинен Ч. Өмүралиев кыргызчалаган Огуз каган жөнүндөгү тарыхый маалымат жана «Алатоо» журналына жарыяланган (№9, 1989) «Огуз каган» деген ат менен «көөнө түрк тилинен көркөм жаңы жаңылаган» нуска бар. Бул экөө тең журналга жарыялангандыктан алардын сюжетин айтып отуруу ашыкча.
Тек биздин колдо бар эки сюжеттик тарамды келтирип, ага байкоо жүргүзгөнүбүздө жалпылыктын да, айырмачылыктардын да бар экендигине күбө болобуз. Жалпылыктар кайсылар? Негизгиси болочок кагандын төрөлүшүндө, аны төрөлгөндөн тартып кандайдыр касиеттүү сапатка ээ болушу, бат жетилип, баатырдык кудуретинин аныкталышы, алты балалуу болушу, төгөрөктүн төрт бурчун өзүнө баш ийдирүү максатындагы чабуулдун башталышы, алардын көпчүлүк учурда ийгилик менен коштолуп, дайыма олжолуу кайтышы, акырында даанышман улуу Түрктүн түшү, кеңеши менен кол алдындагы аймактарды балдарына тапшырышы – мына ушул фабула эки нусканын сюжети боюнча сакталат, албетте булар боюнча да анча-мынча айырмачылыктар бар, мисалы, алты балалуу болуунун сүрөттөлүшү сан жагынан бирдей, бирок балалуу болуунун жолдору бирдей эмес, б. а. Абылгазыда бир аялдан 6 балалуу болсо, экинчисинде, үч-үчтөн эки аялдан төрөлөт.
Айырмачылыктары кайсылар? Абылгазынын вариантында мусулманчылыкты таануу чыгарманын башынан аягына чейин коштойт. Үйлөнүү үлпөтү да экөөндө бирдей эмес. Экинчиден, Огуз каган жортуулдап, өзүнө баш ийбегендерди ийдирип, өкүмүн жүргүзгөн олжолор менен жерлер да бирдей эмес. Үчүнчүдөн, эгерде Ч. Өмүралиев которгон вариантта дастандын бүтүмү кагандын өзү тарабынан чыгарылат, т. а. каган оң жагына он эки үй тиктирип, түндүгүнө күмүш ылаачын тургузганы айтылат. Ал эми Абылгазынын нускасында бул ишти бир жүз он алты жыл кандык кылып өтүп кеткен кагандын баласы Күн каган жүзөгө ашырганы баяндалат. Бирок экөөндө тең той-курултай өткөрүү, атасынын дүйнөсүн туугандар өз ара таратып, элге чачканы бирдей эле. Кымыз топтоп, шарап тарттырганы да экөөндө тең бар. Төртүнчүдөн, Абылгазынын вариантында Огуз кагандын уул жана неберелери (24) жөнүндө, алардын аты-жөнүндө да түшүндүрмө берилет.
«Огуз-наме» – тектеш түрк калктарынын байыркы тарыхын генеологиялык баяндоо негизде көркөм тил менен баяндаган эпостук чыгарма. Изилдөөчүлөр көп учурда бул чыгарманын окуяларын, башка каармандардын тегин тарыхтан издөөгө далалат кылышат. Н. Бичурин Огуз – бул тарыхта аты жакшы белгилүү Тумандын чоң уулу Моде деп карайт, албетте Моде тарыхта белгилүү инсан, ал бийлик үчүн өз атасын, өгөй энесин өлтүрөт. Моде биздин заманга чейинки 209-жылы гундардын бийлөөчүсү болгон. Алар Жетисуунун тегерегин мекендешип, Моденин тушунда Гундар күчтүү улуу державага айланат, көп жерлерди каратып алат. Моде биздин эрага чейинки 174-жылы каза болот. Мына ушул жагы эске алынып, Моде бул Огуздун тарыхтагы прототиви деп эсептеген болжол – гипотеза бар.
Ушул өңдүү Огуздун тарыхтан тегин издөө башка изилдөөчүлөрдүн арасында да бар. Менимче, Огуз каган – бул эпостук чыгарманын каарманы, көркөм образ, аны тарыхтан издеп, прототивин табуу аракетине караганда, көркөм мүнөз – каарман катары кароо жана талдоо азыркы учурдун негизги милдети, адабият илиминин алдында турган парзы ушул болууга тийиш. Экинчиден, бул дастанды, анын нускаларын илимий жабдуулар менен даярдап, басмадан өзүнчө китеп кылып чыгаруу, урпактарга жеткирүү ишин колго алуубуз зарыл.
Дастан композициялык жагынан бүтүн чыгарма, өз мезгилинин шартына жараша көркөмдүк касиетке ээ, ырааттуу сюжет сакталат, көркөм тил каражаттарга бай. Чыгарма көөнө түрк тилинде жазылат, албетте анда огузкыпчак диалектиси басымдуулук кылат. Ошондой болсо да дастан түрк тилинде, жалпы түрк калктары түшүнө турган тилде жазылган, анын тили оозеки тилге жакын.
Перси тилинде «наме» кат, дастан, китеп деген маанини берет. Ошол себептүү бул сөз жазма түрүндөгү чыгармалардын атына кошулуп айтылып, аныктоочулук милдетти өтөйт. Мисалы, «Шах-наме» – «Падыша жөнүндө китеп», «Махабат-наме» – «Махабат дастаны», «Бабур-наме» – «Бабурдун китеби» ж. б.
Казак окумуштууларынын пикирине караганда «Огузнаме» оболу оозеки түрүндө жаралып кийинчерээк гана жазмага түшүрүлгөн. Ушул жерде казак боордоштордун жолун жолдоп, «Огуз-наме» өңдүү тектеш түрк калктарына тең орток мурастарыбызды азыркы кыргыз тилине салуу, аны окуп-үйрөнүү бактысын урпактарыбызга туш кылсак улуу иш болор эле.
XIII–XVII кылымдардагы адабият
Борбордук Азиянын тарыхында бул мезгил Монголдук баскынчылардын кыйраткыч басып кирүүсү менен башталат. Чарба да, маданият да аябагандай жапа чегет. Ушундай жан чыдагыс баскынчылык согуш Азияга жол тартат, шаар менен кыштак, билим менен маданият булактары талкаланат.
Албетте, жергиликтүү калк кол куушуруп туруп берген жок, алар Чыңгыс хандын колуна каршы эрдик менен күрөшөт. Каршылык көрсөтүп, баш ийбеген элди тыптыйпыл кырып олтуруу көп болгон.
Чыңгыс хан басып алган аймактарды үч уулуна бөлүп берет, эң кенжекесин атаконушу Монголияга калтырып койгон.
Монголдук баскынчылар (Чыңгыз хандын үч баласы: Жучу, Чагатай, Угэдей) Иртыштан Уралга чейинки аралыкты, Жетисуу, Кыпчак талаа, Каспий, Хорезм аймактары, кыскасы Алтай тоолорунан баштап Дунай өзөнүнө чейинки бүт өлкөлөр Монголдордун колуна өтүп, бул көп элдердин, өлкөлөрдүн биригишинен турган бул мамлекет – Алтын ордо мамлекети деп аталат. Бул мамлекет Батыш Европа, Мысыр, Индустан, Кичи Азия жана Кытай өңдүү өлкөлөр менен экономикалык жана маданий байланыштар жасап, XIII–XIV кылымдарда укмуштай жанданат.
Алтын Ордо мамлекетинин карамагына өтө кең аймак кирген, т. а. Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Европанын көп өлкөлөрү кирген. Бул мамлекет XIII кылымдын орто ченинен тартып, XV кылымдын аягына чейин өкүм жүргүзөт. Бул мамлекеттин күч алышында Батый, Берке, аксак Темир жана башка кандардын ролу чоң болгон.
Белгилей кетүүчү жагдай – аталган кандар Алтын Ордонун аймагына кошкон – басып алган ири шаарларды – Хорезм, Самарканд, өзгөчө Гират шаарын тыптыйпыл талкалаган, алардын кайра жанданышы кийинки кылымдарга таандык. Кыргызстандын аймагындагы (азыркы) Барскон, Баласагын шаарлары ошондо талкаланган болушу ыктымал.
Алтын Ордо өкүмдарлыгы Борбордук Азияда өз бийлигин эки кылым ашыгыраак жүргүзөт, андан кийин дале ошол Темирдин тукумдары бийлик жүргүзүүнү улантышат. Өзбек адабиятынын тарыхын, маданиятын изилдеп жазган адабиятчы Н. Маллаев мындай бир фактыны келтирет.
Монгол баскынчыларына өтө катуу каршылык көрсөткөн Гират шаарын тыптыйпыл жок кылышат, калктын бир бөлүгүн Монголстанга алып кеткен, калганын кырып жиберишет. Ушундай каардуу чабуулдан жашырынып өнөрлүү 40 адам калып калат, алар кийин Гиратка кайтып келип, шаарды кайра калыбына келтирүү ишине киришет, алар 15 жыл тынбай иштешет. Ошентип шаар кайра жаралат. XIV кылымдын орто ченинен баштап жакырланган шаарлар кайра калыбына келтирилип, өркүндөө, өнүгүү мезгили башталат.
Алтын Ордо мезгилинде маданият, илим-билим өнүкпөй калган деп айтууга болбойт. Бул мезгилдин тарыхый мааниге ээ маданий-көркөм мурастары бар. Ошол учурдун ири көркөм мурастары катары Аль-Хорезмдин «Махабат намеси», Сайф Сараинин «Гүлстан», Кутбдин «Хосров жана Ширин», Дурбектин «Жусуп менен Зулайка», Закридин Бабурдун «Бабур нааме» дастандарын өзгөчө болуп көрсөтүү түрк элдеринин адабият тарыхын изилдөөчүлөр тарабынан адилет көрсөтүлөт.
Н. Маллаев «Өзбек адабиятынын тарыхы» аттуу эмгегинин I томунда «Алтын Ордо маданияты» деп наам алган маданияттын жаралышы жана өркүндөшүндө Орто Азия калктары чоң роль ойногон» деп жазат (217-бет). Албетте, монголдор басып алган жерлерде азчылыкты түзүшкөн, көбүнчө алар өздөрү багындырган элдер менен аралашып, ал турсун аларга сиңип да кеткен (мис., могол уруусу). Ошондуктан алар өз тилдерин, ал турсун каада-салтын унутушуп, башкарып турган элдердин тилине өтүп, үрпадатын тутунуп кетишкен.
Казак адабияты боюнча эмгектин автору Н. Келимбетов «Бул мамлекет калкынын басымдуу көпчүлүгү түркий тектүү УРУУ – тайпалар, асиресе кыпчактар менен огуздар көп болгон. Ошол себептүү Алтын Ордонун адабий тили – кыпчак-огуз диалектисиндеги орто кылымдын түркий адабий жазма тили эле. Бул тил түркий тайпалар менен калктарынын баарына бирдей түшүнүктүү болду» (197-бет). Ушул эле пикирди «Эзелки казак адабиятынын» автору да бекемдейт. «Бүткүл кыпчак талаасын, Орто Азия менен Чыгыш Европа жерлеринин көбүн басып алуу негизинде курулган Алтын Ордо мамлекети күчөп турган кезде кыпчак тили үстөм тилге айланат» (199-бет).
Алтын Ордо мамлекетинин өкүмү жүрүп турган мезгилдеги адабий мурастардын ар бири өзүнчө тарыхыйкөркөмдүк салмакка ээ. Дагы белгилөөчү жагдай – бул сөз өнөрүнүн улуу дастандары жалпы түрк уруулары менен элдерине тегиз тиешелүү орток мурас болуп эсептелет. Азыркы биздин колдо бар маалыматтарга караганда түрк калктарынын изилдөөчүлөрү бул пикирден башка ой айтканы жок.
Ушул жерде кыпчактар жөнүндө айрым далил маалыматтарды эскерте кетүүгө туура келет. Атактуу Сырдайранын өйүз-бүйүзүн камтыган аймак тарыхта «кыпчак талаасы» – «Дашти Кыпчак» деп аталат. Ошол аймакта жашаган негизги калк кыпчактар болгон, алар Борбордук Азиядагы түркий калктардын бири эле. Кыпчактар тууралуу адепки маалымат кытай жылнаамаларында б. э. ч. 201-жылдан (кюс-ше, кин-чи, хи-би-си) баштап кезигет.
Алар алгач Энесайдагы кыргыздардын жери менен чектеш жашап, кийинчерээк алар Борбордук Азияга оошот да, бир катар башка түрк тайпалары менен аралашып, алардын бир катарын өздөрүнө сиңирип алган (мис., печенег, огуз, хазар ж. б.). Тарыхта кыпчактар эң согушчан эл катары эсептелип, азыркы Россия, Украинага чейин жетишкен. Орустар аларды половецтер, кээде печенегдер деп аташса, Батыш Европалыктар кыпчактарды кумандар деп айтышат. Алар Мисир (Египет), Шамды (Сирия) бийлешет. Ошол мамлекеттердин аскер башчылары кыпчактар болушкан.
Кыпчактар жөнүндө Кыргыз тарыхы боюнча энциклопедиялык сөздүктүн авторлору (Б. Урустанбеков, Т.Чороев) «Орто Азия менен Казакстанда – кыпчактардын бир бөлүгүнөн казак эли түзүлгөн, калган бөлүгү кыргыз, өзбек, каракалпак, уйгур элдерине аралашып кеткен» – деп жазышат (97-бет).
Биздин байкообузча, кыпчактар өзүнчөлүгүн жоготуп, аталган калктарга сиңип кеткен. (Көпчүлүгү кыргыздарга кошулган сыяктуу, себеби Кыргызстандын түштүгүн дөгү элдин көпчүлүгү, Өзбекстандагы кыргыздар бүтүндөй өздөрүн кыпчак кыргызбыз деп аташат).
Кыпчак бийлиги күчөп турган мезгилде Борбордук Азияда кыпчак тили негизги – бийлик жүргүзүүчү тил болуп, өткөн-кеткендердин баары – саякатчылар, элчилер, аскер адамдары өңдүүлөр кыпчак тилин билүүгө мажбур болушкан.
Ошол мезгилдеги сөз мурастарынын бири кыпчак тилинин сөздүгү деп аталган «Кодекс Куманикус» эмгеги эсептелет. Биз жогоруда Батыш Европалыктар кыпчактарды кумандар деп атаганын белгилегенбиз. Эмгектин атын чечмелегенде Кумандардын китеби – кыпчактардын тилинин сөздүгү деген болуп чыгат. Бул сөздүк эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүгү үч тилдин негизинде – латын – парсы – куман тилдеринде жазылган сөздүк болгон. Сөздүктүн мындайча түзүлүшү, ошол мезгилдин талабына туура келип, карым-катнаштын үч тилди билгендер ортосунда жүргүзүлүшүнө чоң өбөлгө болгон. Ошол шартта ушундай үч тилдүү сөздүктүн жаралышы ал мезгилдин маданий өсүүсүнүн айкын далили деп кароого толук негиз берет.
«Кодекс Куманикустун» экинчи бөлүмүн ар кыл аңгемелер, жомок-баяндар жыйнагы деп атоого болот. Анда христиан дини. Мария эненин олуялыгы жөнүндөгү баяндар басымдуу орунду ээлейт. Бул эмгектин жалпы түрк тайпаларына, азыркы түркий элдерге түздөн-түз тиешеси бар. Бирок ушундай баа жеткис мурас менен биздин элибиз ушу күнгө чейин тааныш эмес, себеби анын азыркы тилге салынган материалы бизде жок, болгону ушундай эмгек бар экендиги жөнүндөгү үстүрт кабар гана угулуп жүрөт.
«Кодекс куманикустун» түп нуска кол жазмасы азыркы күндө Италиянын Венеция шаарындагы бир чиркөөнүн китепканасында сакталып турат. Бул эмгектин биринчи бөлүгүн француз тилине которуп, биринчи жолу 1808жылы Париж басмаканасынан өзүнчө китеп кылып Генрих Юлий Клапрот (1783–1835-ж.ж.) чыгарат. Анын эки бөлүгүн тең латын тилине оодарып, Будапешт шаарында жарыяланган ориенталист Г. Кун болгон. 1884-жылы немис тилинде С.-Петербургдан чыгат. Ал котормону жасаган академик В. Радлов эле.
Борбордук Азиядагы түрк элдеринен бул эмгекти лин гвистикалык жагынан изилдөөгө алган казак окумуштуусу А. Курышжанов болгон. Мүмкүн аны түркиялыктар басып чыгарып, изилдөө жүргүзүшү да мүмкүн. Ал эми бул эмгек бизде колго алына элек маселе, анын чети оюла элек проблема бойдон турат.
Казак окумуштуу – изилдөөчүлөрүнүн маалыматтарына караганда сөздүктүн тили азыркы түркий элдердин тилинде колдонулуп жүргөн сөздөргө өтө жыш. Мисалы, «А» тамгасы менен башталган ат, ата, улуу ата, азамат, ай башы, айыл, ак, ак кой сыяктуу сөздөр учурарын казактар жазып жүрүшөт.
Сөздүктүн экинчи бөлүмүндө берилген табышмактар да азыркы казак, кыргыз табышмактары менен маанилеш – үндөштөрү көп:
Ичет, жейт, ийинге кирет (бычак, кын).
Буусу бар да, изи жок (кеме).
Ак үй, оозу-мурду жок үй (жумуртка) ж. б.
Кыпчак талаасында XII–XIII кылымдарда жазылып, ошол кездеги кыпчак тили менен адабияты жөнүндө изилдөө ишинде көп маалымат бере турган «Кодекс Куманикус» тарыхый мааниге ээ эмгек болуп эсептелет.
Хорезми. «Махабат наме»
Хорезми – бул адабий ат, лакаб аты. Алтын Ордо мезгилинде Сырдарыя боюнда Хорезминин «Махабат наме» дастаны жарыкка келет. Бул дастан – Алтын Ордо мезгилиндеги эң ири чыгарма. Хорезмдин аты-жөнү, өмүрү, чыгармачылык ишмердиги жөнүндө эч кандай маалымат жок. Акын Хорезми шаарында XIII кылымдын акыры же XIV кылым баштарында туулган. Анын жашаган мезгили Борбордук Азияда Чыңгыскандын бийлиги бекемделип, маданий турмуш бир кыйла жанданып калган учурга туура келет. XIV кылымда Алтын Ордо мамлекетинин ири шаарларында чарбалык жана маданият жагынан жылыштар жакшы жолго коюлат. Самарканда жашап, изилдөө иштерин жүргүзген Улукбек, саламаттык сактоо жагынан Ибн Сино, адабият жагынан Абдурахман Жами, Алишер Навои, Захиридин Бабурлардын чыгармалары өсүп-өнүгүүнүн чыныгы үлгүсүн көрсөтөт. Мына ушулардын төл башчыларынын бири Хорезми болгон. Анын «Махабат наме» чыгармасынан башка эмгектери бизге жеткен эмес. Хорезми Фергананын көп шаарларын кыдырып чыгат. Бул саякат Чыгыштын башка мамлекеттерине да жасалат. Анын Шамга (Сирияга) багыт алган сапары көп мамлекеттерди кыдырып өтүүгө туура келген. Бул жөнүндө «Махабат наменин» башталышында төмөнкүдөй маалыматтар бар. Жаныбек кандын (Алтын Ордонун каны) өкүмдарларынын бири Мухамбет Кожобектин тапшырма-буйругу боюнча ушул дастанды жазат. Хорезми билимди өз шаарынан алып, көп саякат жасап, өз талантын азыктандырган. Ушул саякаттары жөнүндө дастандын башында мындай маалыматты ыр менен берген (анын кара сөз түрүндөгү мааниси): Менде Шамга сафарга чыгуу пикири туулду, жолго чыккан жылы аттуу да болдум, жөө да жүрдүм. Колумда таяк, бутумда галошум бар эле, кандай абалда болбоюн көңүлүм ачык эле. Бирөө суу, бирөө нан берер эле, тобокел кылып деңизден өттүм. Румду баштан аяк кезип чыктым. Кийин Шамга жолдомо беришти. Ошентип Шамга жол алдым. Шеригим бар эле… Кээде гүлгө, кээде тикенекке туш келдик, тегиздик жана тоолордо болдук (Өзбек адабияты, I т. 295-бет). Ушул өңдүү кыскача кабарлардан башка Хорезминин өмүр таржымалынан маалымат жок.
Дастандын нускалары, жазылышы, изилдениши жөнүндө: «Махабат наме» дастаны 1353-жылы жазылат. Казак, өзбек, орус тилиндеги маалыматтар боюнча дастандын эки нускасы бар, азыркы күндө экөө тең Лондондун Британия музейинде сакталып турат. СССР ИА Азия элдери институту 1952-жылы ошол эки кол жазма нусканын фотокөчүрмөсүн алат. Ошол көчүрмөлөрдүн негизинде дастанды Э. Нажип орус тилине которуп, 1961жылы Москвадан жарыяланат. Анда Э. Нажип тексттин транскрипциясын берет, которот жана изилдейт.
1959-жылы А. М. Щербак «Огуз-наме» менен «Махабат намелердин» тексттерин транскрипциялап бастырат.
Кол жазманын бири 1432-жылы уйгур арибине көчүрүлгөн, бул Хорезми жазгандан 80 жыл өткөндөн кийинки эң алгачкы көчүрмө болуп эсептелет.
Ал эми «Махабат-наменин» арап тамгасында жазылган нускасы 1509-жылы көчүрүлгөн. Башкача айтканда, араб тамгасы менен көчүрүлгөн көчүрмөсү китеп жазылган убакыттан 166 жыл өткөндөн кийин жасалган. Арап арибиндеги көчүрмө уйгур арибиндегисине караганда канча кеңири, толук сакталгандыгы белгиленет.
«Махабат-наме» дастаны кайсы тилде жазылгандыгы жөнүндөгү маселе да бир топ кызыгууларды пайда кылат, себеби илимий адабияттарда бул дастан түрк калктарына жалпы таандык мурас катары каралат, андай болгондон кийин Алтын Ордо мамлекети үстөмдүк кылып турган мезгилде огуз-кыпчак тили негизги тил катары эсептелгенин эске алып, дастандын тили Ак ордолук түрктөрдүн тилинде – кыпчак-огуз тилинде жазылган деген жыйынтыкка келүүгө болот. «Махабат-намени» которгон жана изилдеген аалым, ири түрколог Эрип Нажип дастандын тили жөнүндөгү эмгегинде «XIII кылымдын II жарымы – XIV кылымдын башында эки адабий тил калыптанган: Орто Азиялык түрктөр жана Волга бою менен Урал түрктөрү. Биринчиси Равгузинин «Кысас ул-Анбия» чыгармасы менен «Тефсир» чыгармалары жазылган түрк тилинин огуз тобунун чектелген таасиринде кийин уйгур-карлук адабий тили өсүп-өнгөнү, экинчиси Хорезминин «Махабат-наме», Кутбинин «Хосров жана Ширин», Саадинин которулган «Гулистаны» ж. б. чыгармалары жаралган кыпчак-огуз тили» – деп көрсөтөт. Ошондой эле А.Ю. Якубовский XIV кылым мезгилиндеги Алтын Ордодо Хорезмдиктердин ролу чоң болгондугун белгилейт: «Алтын Ордонун адабий тили менен адабий маданиятынын түзүлүшүндө Хорезм өтө чоң роль ойногон. Алтын Ордодон чыккан бир катар көркөм чыгармалардын тили Хорезм жана төмөнкү Сырдарыянын, б. а. Акордонун аймагындагылардын тилине түздөн-түз байланыштуу болгон».
Ушул эле пикирди Н. Келимбетов да «Эзелки казак адабияты» эмгегинде бекемдейт да, «Махабат-наменин» тилинде кыпчак тили элементтери басымдуу экендиги талашсыз деп карайт (203-бет).
Ушул маалыматтар Н. Маллаевдин «Өзбек адабиятынын тарыхы» эмгегиндеги «Махабат-наменин» 8 намеси өзбек тилинде жазылган» деген пикири тарыхый чындыкка туура келе бербейт деп эсептөөгө негиз берет (297-бет). Окумуштуу бул пикирин дагы улантып, «Мухаббат-наменин» (Хикаят менен бирге») 317 бейти өзбек тилинде, 156 бейти парсы-тажик тилинде… Муну атайын изилдөө зарыл, анткени «Махаббат-наменин» тили өзбек тили» (298бет) деп жыйынтык чыгарат. XIV кылымда Алтын Ордо, анын аймагында «Махабат-наме» жазылган доордо көркөм чыгармалар да, официалдуу иш кагаздары да калыптанган адабий тилде, кыпчак тилинде жүргүзүлгөндүгүн Эрип Нажип өзүнүн «XI–XIV кылымдардагы түрк тилдеринин тарыхы боюнча изилдөөлөр» аттуу эмгегинин «Махабатнамеге» арналган бөлүгүндө (119-бет) баса көрсөтөт.
Ушул жерде өкүнүчтүү да, ачуу да бир ойду айтууга туура келет, себеби кыргыздардан башка бардык түрк элдери Хорезмдин «Махабат-намесине» өздөрүнүн улуттук адабияттарынын тарыхынан өз ордун берип, аны азыркы тилине салып, окуп-үйрөнүү жана изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Биз болсо бул өңдүү ири көркөм мурастын тарыхый да, көркөм да кудуреттүү маанисин эске албай, башка жалпы түрк элдерине таандык көркөм чыгармалар сыяктуу эле «Махабат-наме» менен эмдигиче бет келе албай жүрөбүз.
«Махабат-наме» дастанынын араб тамгасы менен жазылган нускасы 473 бейттен (кат, бөлүм) турат. Жигиттин кызга жазган II каты чыгарманын негизин түзөт. Алардын ичинен үч кат (4, 8, II) парсы тилинде жазылган. Жогоруда белгилегендей каттын калгандары кыпчак (чагатай) тилинде жазылган. О. Айтымбетов «Колдо бар алтындын баркы жокпу?» макаласында «Биз тарыхый тагдырыбызда көп учурларда кыпчак деп аталып, кыргыз деп өтө сейрек чакырылган кезеңдерибиз бар, мына бул дагы өзгөчө көңүл бура турган жагдай…» деп жазат. («КМ» № 30–31, 1993).
Эгерде азыркы кыргыздын турмушунда кыпчактардын басымдуулугун эске алсак (казактан башка түрк элдерине караганда), бул дастандын кыргыз калкына да түздөн-түз тиешеси бар деп кароого милдеттүүбүз.
«Махабат-наме» композициялык жагынан араб-парсы адабий мурастарынын таасиринде жазылган, б. а. «наме» түрүндө жазылган чыгарма. Кудайды, алла-тааланы даңктоодон, пайгамбарларга кайрылып, алардын улуулугуна сый көрсөтүлүүчү саптардан башталат да, чыгарма арналган инсанды мактайт, ушундан кийин гана негизги маселени – намелерди берет.
Дастандын аты белгилеп тургандай чыгармадагы негизги түйүн – сүйүү маселеси. «Махабат-намеде» негизинен жигиттин өз сүйгөнүнө атаган мөлтүр сезими, таттуу сүйүүсү даңазаланат. Жигит өз сүйгөнүнө бу дүйнөдө тең келер нерсе таппайт, аны күнгө, айга теңеп, жарык дүйнөдөгү сулуулукту, анын ажайып кудуретин күүгө салат. Махабаттын улуулугун, анын жүрөк элжиреткен күчүн адам гана сезет, адам гана баалап, анын улуу баркына жеталат.
Эки жарык гаухарды ааламга берген,
Махабат казынасын адамга берген
Бетине анын (теңирим) мең жаратты, Чачы менен боюн тең жаратты.
Диндик жөрөлгөлөр, шариаттын эрежелери адамдагы улуу сезим болгон сүйүүнү таркы дүйнөлүк ой-пикирге каршы коюп, жарык дүйнөдөгү сүйүүнүн маани-маңызын, анын кудуреттүү, сыйкырлуу күчүн жокко чыгарууга чейин барат. Ал эми «Махабат-наменин» автору дал ушул жер үстүндөгү сүйүүнүн баркын даңазалайт, адамдарды махабаттын «кулу» болууга чакырат, жигиттин катынан бир мисал:
Миң башка кыз – сенин бир тал чачыңа жетпес, Жүзүңдүн бир жарк эткен бир нуруна миң нур жетпес.
Эгер теңир тилегимди кабыл этсе, Сенсиз мага бейиштин кереги жок.
Сен жок жерде кишинин жаны болобу?! Сен жок жерде өмүрдүн саны болобу?!
Жарык дүйнөдөгү сүйүү, анын ролун жогору баалоо мындан артык болушу мүмкүн эмес.
«Махабат-наменин» башкы каармандары – бири-бирин терең сүйүшкөн жигит менен кыз. Кызык жери дастанда жигиттин гана сүйүүгө тунган каттары берилет да, кыздын ага берген жооптору жок. Жигит сүйгөн кызын мындайча сүрөттөйт:
Сулуулук ааламынын падышасы өзүң, Көркүң менен гүлдүү ааламды жеңип алдың. Наздуу күлкүңдө таттуулук уялайт,
Күмүштөй тиштериңде гаухар уялайт.
Сага деген махабаттан көктө асман эсинен танды. Жүзүң – Ай, Чолпон – сенин сыргаңдагы асыл таш гана.
Дастанда Хорезми кыздын теңдешсиз сулуулугун сүрөттөө менен гана чектелбейт, б.а. ал сулуу эле эмес, ал ошону менен бирге акылдуу, сүйгөнүнө кара санабаган адал, адамгерчилиги бийик, жөн билги, мээрими төгүлгөн жан. Ушул жагынан Хорезми дүйнөлүк маанидеги махабатты даңктайт, ааламга тете сүйүүнүн үлгүсүн берет. Ошону менен бирге автор адамдарда кездешчү адепсиздик, зулумдук, наадандык өңдүү терс сапаттарды жерине жеткире сынга алат. Бул жерде Хорезми өзү жашаган мезгилге, ошол доордо ушундай тунук махабатка мүмкүнчүлүк берилбей, эчен ак сүйүүнүн армандуу абалда кала бергендигин да дастандан байкоо кыйын.
Дастанда жигит бүт сырын ачып, ашыгы үчүн ажалдан да, тозоктон да тартынбагандыгын билдирсе да, кыз анын жан-дүйнөсүнүн азабын сезбей коёт. Мунун баары жигиттин каттарынан айкын билинип турат. Ашыктыктан жолу ачылбаган жигит сүйгөн кызына мындай дейт.
Менин кадыр-баркымды өлгөнүмдө билесиң, Мендей азап чексе, Аплотон да жинденер эле.
Өз оюндагысына жете албашына көзү жеткен жигит кыз менен мындайча коштошот:
Менин сага деген махабатым өлтүрдү, Эми сенин эшигиңден алыс кетемин, кош бап!
Бирок жигит көңүлү чөгүп, жашоодон кече албайт:
Көңүлгө өзгөнүн махабатын жолотпоймун, Ыраакта жүрсөм дагы өзүңдү унутпаймын.
Ошону менен бирге «Кадырыңды сокур наадан кайдан билсин, гаухардын баркын ар ким биле бербес» деп жигит кыздын тагдыры бир нааданга туш келип калбаса экен деп тилейт.
«Махабат-наме» дастаны бийик гуманизмди, улуу адамгерчиликти жогору коюп, адамдык арзуу сапаттарды даңктоо менен даана акылмандык жалпылоолорду жасайт. Ал өз мезгилинин коомдук ой-пикирин билдирүү менен өз заманына ыраазы болгон эмес экен деген жыйынтыкка алып келет.
«Махабат-наме» дастанынын сюжети жигиттин кызына жазган каты түрүндө берилиши менен кызыктуу, тили көркөм, көркөм каражаттары ар түрдүү, ыр түзүлүшү чебер жасалган. Автор көркөм, сезим күүлөрүн ажарлантып берүү максатында таамай салыштырууларды, сүрөттөлүп жаткан көрүнүш – кубулуштардын негизги белгилерин ачуучу эпитеттерди, ар кыл мүнөздөгү элестүү сүрөттөө каражаттарын кеңири пайдаланат: «моймол көз», «ай жүздүү», «кымча бел», «шекер сөз» ж. б. Ушул жерде дастандын тилине байланыштуу бир пикирди айта кетүүгө туура келет, анткени «наменин» оригиналынын тилиндеги көп сөздөр азыркы кыргыз тилиндеги лексикалар менен бүтүндөй үндөшүп турат: ак шам түн, майрам айы, дөөлөт, саз, ылайык, китеп, кыш, кабыл кылдым, ур, нур, өңдүү сөздөр дастандын башындагы Мухамбет Кожобек жөнүндөгү алты беттен эле кездешкен сөздөр. Ушунун өзү бул дастандын накта түрк тилинде, изилдөөчүлөр белгилегендей кыпчак диалектиси басымдуу роль ойногон түрк тилинде жазылгандыгын айгинелеп турат.
Поэмада таамай салыштыруулар жыш берилет:
Күн сыяктуу күлдү аалам чырагы.
Нурлуу жүзүн – бейиштин бир гүл багы. Оймок оозуң ачылса – шекер чачылар, Аны көрүп жайкалып гүлдөр ачылар.
Боордош элдердин адабият изилдөөчүлөрү Хорезми «Махабат-наме» дастанын жазуу менен түрк поэзиясына «наме» жанрын биринчи киргизди деген ою толук колдоого татыктуу. (Буга чейин «Огуз-наме» гана болгон). «Наме» сөзүнүн бир нече мааниси бар, бул жерде «наме» жанр маанисинде берилген. «Наме» сөзүнүн эң кеңири тараган мааниси арноо түрүндө жазылган дастан, поэма десек болот. «Махабат – наме» – дал ушундай дастан. Жигиттин кызга жазган каттары ошол арноо түрүндө берилет. Албетте, алгач «наме» арноо түрүндөгү ырлар катары келип, кийин ал дастандык даражага чейин көтөрүлгөн. Бул Чыгыш поэзиясынын жанрдык өзгөчөлүгү деп каралууга татыктуу.
«Махабат-наме» дастаны бейт түрүнүн ар кыл көрүнүштөрү менен жазылган: меснеби (аралаш уйкаш менен келген эки жол ыр), фард (өз алдынча уйкашып, бир туташ түйүндөлгөн ойду билдире турган ыр), кээде газал формаларында, булар акындын чыгармачылык айкын өзгөчөлүгүн билдирип турат.
Дастанда күйүттүү махабатты даңктоо менен акын өз доорунун коомдук-социалдык абалы, жашоо, сүйүү, өмүр жөнүндөгү эң сонун көркөм жалпылоолорун жараткан.
Э.ТЕНИШЕВ
УЛУТТУК ДООРГО ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ АДАБИЙ ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ
Макалада кыргыз этноними байыркы енисей кыргыздарын эмес, азыркы Кыргызстандагы тяншандык кыргыздарды туюндурат.
Улуттук доорго чейин кыргыздардын адабий тили да, жазуусу да болгон эмес деп эсептелинип жүрөт.
Ушул күнгө чейин жогорку пикирдин илимий негизи эч ким тарабынан далилденген да, төгүнгө чыгарылган да жок. Бул туурасында айрым ойлор бар. 1962-жылы кыргыз элинин маданияты жөнүндө айтып келип А.Каныметов кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы он миңден ашык эпикалык чыгармаларды камтыйт; жазуусу болбогондугуна байланыштуу коомдук ой, турмуштун ар кандай жагдайлары жана маанилүү окуялар элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылган; революцияга чейин бир дагы китеп же газета кыргыз тилинде чыккан эмес, эл жапа-тырмак сабатсыз болгон деп жазат.
Октябрь революциясынын алдындагы кыргыз элинин маданиятынын абалын көрсөтүүдө С. С. Данияров да жогоркудай эле ойду айткан; революцияга чейинки мезгилде өз жазуусу, натыйжада, басма адабияты болбогондуктан кыргыз элинин рухий маданиятында негизги орунду жанр жана форма жагынан өтө бай оозеки-поэтикалык чыгармачылык ээлеген. Ушундай деп айтса да С. С. Данияров XIX кылымдын башында кыргыздын жазгыч акындарына таандык алгачкы кол жазма чыгармаларынын өтө аз болсо да болгондугун белгилеген.
Ал эми кыргыз жазуусу жөнүндө С. С. Данияров өз оюн тике билдирген. Ал минтип жазат: кээде айрым жергиликтүү окумуштуулардын эмгектеринде кыргыздардын Совет бийлиги орногонго чейин жазуусу болгон деген эч бир негизсиз, далилсиз ойлор айтылып жүрөт; бул жерде жазуу жана жазма тил деген эки түшүнүктү айырмалоо керек; Октябрь революциясына чейин Орто Азия, Казакстан жана кээ бир түрк элдери араб алфавитин өз тилдерине ар кандай деңгээлде ылайыкташтырышкан, бирок ал ошол элдердин тилдеринин лексикалык, фонетикалык ж. б. өзгөчөлүктөрүн чагылдыра алган эмес; араб жазуусунан негизинен мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү гана пайдаланышкан, жазуу кеңири эмгекчилер массасына кол жеткис болгон. Ал эми окумуштуутүркологдордун пикирлери башкача. Алсак, 1957-жылы И.А. Батманов кыргыздар Октябрь революциясына чейин тамга жазуудан пайдаланышкан, жазуусу болгон, бирок ал жазуу кыргыздардын тилинин орчун өзгөчөл үктөрүн чагылдыра алган эмес деп жазган. Ушундай эле ойду 1965жылы К.К.Юдахин да «Кыргызча-орусча сөздүктүн» баш сөзүндө жазган: Октябрь революциясына чейин сабаттуу кыргыздар (алар аз болушкан) кыргыз тилине өтө начар ылайыкташтырылган араб алфавитин колдонушкан жана чагатай (эски өзүбек) тили деп аталган адабий тилдин үлгүлөрүн туурап жазышкан. С. Е. Малов да ушул ойду колдогон. 1968-жылы кыргыздардын официалдуу иш кагаздарынын тилин иликтеген В. М. Плоских менен С.К. Кудайбергенов революцияга чейин кыргыздар Орто Азиянын көпчүлүк башка түрк элдериндей эле өздөрүнүн анча көп эмес иш кагаздарын жана санжыраларын араб алфавитин колдонуп эски өзүбек (чагатай) деп аталган тилде жазышканын белгилешкен. 1970-жылы кыргыз орфографиясын тарыхый планда изилдеген X. К. Карасаев да өз оюн айтат: кыргыз эли араб тамгасын колдонуу доорунан баштап Октябрь революциясына чейин официалдуу иш кагаздарын жана адабий чыгармаларды, булардан башка бир нече басма китептерди калтырганы илгертен эле баарыга белгилүү.
Ошентип, кыргыз элинин маданиятын изилдөөчүлөр кыргыздарда эски жазуу болгон эмес дешсе, окумуштуутүркологдор бир ооздон анын болгонун, бардыгын далилдешет. Бирок түрколог-тилчилер кыргыз жазуусунун болгондугуна терең текшерилген далилдер келтиришпегендигине байланыштуу кыргыздарда жазуу да, адабий тил да болгон эмес деген пикир өкүм сүрүп кеткен.
Учурда мындай пикир менен макул болбоого негиз бар деп эсептеймин. Толук ынангандан улам академик В.В. Виноградов адабий тилди үйрөнүү ушул сөздүн өтө кеңири маанисинде адабиятты үйрөнүү менен терең байланышта деп жазган; адабий тилди үйрөнүүнү элдин тилинин жана адабиятынын жалпы тарыхынан билүү болбойт, себеби, адабий тил (терминдин тигил же бул маанисинде) менен биз баарыдан мурда тилдин жана адабияттын тарыхында кездешебиз; ушундан улам адабий тилди үйрөнүү ошол элдин маданиятынын тарыхы менен байланыштуу, анткени адабий тил менен тутумдаш болгон жазуу, адабият, илим маданияттын тарыхынын ичиндеги көрү нүштөр; ошону менен бирге адабий тил эл агартуунун эң бир реалдуу каражаттарынын бири, ошондуктан адабий тилди үйрөнүү билим берүү, мектептин милдеттери менен үндөшүп турат.
Башкача айтканда, адабий тилдин жашоосу жалаң гана тексттердин болушу менен аныкталат: эгер текст болсо, анда адабий тил бар, эгер текст болбосо, анда адабий тил да жок, тексттердин жалпы жыйындысы жанрдык жана стилистикалык түрлөрдү, адабий тилдин байлыгы жөнүндө түшүнүк берет. Мындай көз караш кескин көрүнбөшү керек, себеби кеп адабий тилдин китептик-жазма түрү жөнүндө болуп жатат.
Жогоркудай тексттер мурда кыргыздарда болгонбу? Жооп сөзсүз оң: ооба, мындай тексттер кыргыздарда мурда болгон, ошолор аркылуу адабий тил туурасында айтсак болот. Эң биринчи иретте – булар басма тексттер. Булардын катарына Молдо Кылыч Шамыркановдун (Төрөгелдинин) Уфадагы «Медиресе-и Галияда» басмага даярдалып, 1911-жылы Казанда чыккан «Кысса-и зилзала» («Жер титирөө жөнүндө повесть») поэмасы (мындай чыгармалардын идеялык жагына кандай мамиле жасасак да) кирет. Дагы эки жарыялоону – эки тарыхты – Осмоналы Сыдыков даярдаган: 1913-жылы Уфада басмадан «Мухтасар тарих кыргызие» («Кыргыздардын кыскача тарыхы») жана 1914-жылы «Тарих кыргыз Шабдания» («Кыргыз Шабдандын тарыхы») китептери жарык көргөн.
Кол жазма түрүндө тексттер бир топ көп сакталган. Кыргызча кол жазмаларды мен 30-жылдардын башында Түштүк Кыргызстандан көргөмүн.
Кыргызча кол жазмаларды ушул эле жылдарда Памирде көргөнүн А. Ниалло да жазган.
50–60-жылдарда кыргыз кол жазмаларды Ж. Ш. Шүкүров чогулткан.
Кийинчерээк, кыргызча кол жазмаларды иликтөөгө жана үйрөнүүгө К. К. Юдахин, Б. М. Юнусалиев жана X. К. Карасаевдер көңүл бөлүшкөн.
1976-жылдын апрелинде «Советская Киргизия» газетасындагы Тяншандын борбордук райондорунан колго тийген мыкты табылга – кол жазма жыйнагы жөнүндөгү кабар жаңы иликтөө-изилдөөлөргө өбөлгө болду. Жыйнак менен таанышып чыгышкан адистер анын логика жана дин илими боюнча Орто Азияда жазылган үч арабча трактаттын көчүрмөсү экендигин аныкташкан. Али алКатиби Дабирандын «Логиканын негиздери жөнүндө күн трактаты»; Самаркандык белгилүү заңчы Омар ан-Насафинин (XII кылымдын биринчи жарымы) «Ислам боюнча комментариялары» жана Самаркандагы тимур ордосунун белгилүү геолог-окумуштуусу Омар ат-Тафтазинин (XIV кылымдын аягы) «Логиканын сын баяндамасы». Кол жазмалардын көчүрмөлөрү XVIII кылымдын аягында орто азиялык устат тарабынан бир мукабанын ичине бириктирилген.
Жыйнактын табылышы эски басма китептерди жана кол жазмаларды ырааттуу чогултууну уюштуруу зарыл экендигин көрсөттү.
Экспедиция беш жыл аралыгында (1976–1980-ж.) Ысык-Көл, Борбордук Тяншань жана Фергананын көптөгөн райондорун иликтөөдөн өткөрдү. Натыйжада литографиялык жана эски басма китептерден беш жүз, кол жазмалардан эки жүздөй, араб, фарсы жана түрк тилдеринде ондогон иш кагаздары жыйналган.
Табылганын көбү XIX кылымга же XX кылымдын башына таандык, айрым кол жазмалар XVIII, ал эми кээ бир кол жазмалардын көчүрмөлөрү XII–XVI кылымдарга тиешелүү болуп чыккан. Басма китептердин географиясы абдан кенен: Ташкен, Казань, Бухара, Стамбул, Лакнау, Канпур. Ак сөөктүк, диний мазмундагы китептер, кол жазмалар, ырлар, кара сөз, илимий трактаттар, мусулман шарияты – фикх боюнча жобо, ислам боюнча чыгармалар, Мухаммеддин жүрүм-туруму менен санат сөздөрү жөнүндө аңыз кептердин жыйнагы – хадистер, шарият жана курандар табылган.
Бул жерде өзгөчө табылганы – атактуу акын, окумуштуу, ойчул Абдурахман Жаминин (1414–1492) грамматикалык трактатынын эң алгачкы көчүрмөсүн айтпай кетүүгө болбойт. Кол жазма Түштүк Кыргызстандагы Памир тоолорунун этегиндеги кыргыз урууларынан чыккан бир үй-бүлөдөн колго тийген.
Жаминин «ал-Кафинин татаалдыктарын чечмелөө үчүн пайдалуу кеңештер» чыгармасы Ибн-ал-Хажибдин (1175–1249) грамматикалык трактатына түшүндүрмө катары жазылган. Бул чыгарма чындыгында араб тилин үйрөнүү үчүн окуу куралы гана эмес, араб тилинин грамматикасынын татаал жактарын жана негизги жоболорун чечмелеген өзүнчө эмгек. Жаминин илимий эмгеги араб тилин үйрөнүүчүлөр арасында тез арада эле таанылып, кеңири белгилүү болуп калган. Ал Азия өлкөлөрүндө ар кандай аттар менен тараган, муну трактаттын көп санда жана түрдүү мезгилдерде жаралган тизмелердин болушу көрсөтөт. Алсак, Өзбек ССР Илимдер академиясынын Чыгыштаануу институтунун топтомундагы Жаминин чыгармаларынын каталогунда XVI кылымдын башынан XIX кылымдын аягына чейин трактаттын элүү бир көчүрмөсүнүн тизмеси аталган.
Жаминин кол жазмасынын эң кооздугу көчүрмөнү жасоочунун табитинин эң кылдаттыгын айгинелеп турат.
Кол жазма Жаминин чыгармасы жазылгандан бир эки жыл өткөндөн кийин Балхта көчүрүлүп жазылган. Көчүрмөнү таланттуу устат-каллиграф Давлат Мухаммед ибнТенгри-берди Кушчу жасаган, анын теги түрк болгондой, себеби, кушчулардын айрым уруулары кыргыз, казак, өзбек элдеринин составына кирип кетишкен. Кийинки мукабаны XIX кылымдын ортосунда өз ишин мыкты билген устат Молдо Надир Мухаммед аткарган.
Эң кызык жери, XIX кылымдын башында Хажы Абдаллах Ибн-Салих ибн-Исмаил (Махрам-эфенди) түзүп, 1890–1891-жылдарда Константинополдо басылган «ал Жаминин грамматикалык трактатына комментарийлер» Түштүк Кыргызстандан табылган.
– Кыргызстандын түштүк райондорунда жашагандар арасында Жаминин башка чыгармаларынын да колдонулуп келе жатканын белгилебей коюуга болбойт. Экспедиция Жаминин дагы эки чыгармасынын литографиялык сейрек басылышын: атактуу сопулардын өмүрлөрүн баяндаган «Нафахат ал-унс» («Достук шапатасы») жана Гераттын башкаруучусу Султан-Хусейин Байкарага арналган «Силсилат аз-закаб» («Алтын чынжыр») поэмаларын сатып алган. Эки чыгарма тең 1893-жылы Канпурда фарсы тилинде басылып чыккан.
Экспедиция Кыргыз Республикасынын аймагынын, өзбек классикалык адабиятынын негиз салуучусу Алишер Навоинин (1441–1501) түрк тилиндеги дивандарынын литографиялык басылыштарын тапкан жана алган. Демек, мурдагы учурларда Кыргызстанда жалаң эле арабча жана фарсыча эмес, түркчө да окушкан. Кыргыз эли Карахан мамлекетинин маданиятын улантуучу экенин, анын түбү орчун жазма салттын эстелиги болгон Жусуп Баласагындын (1069-ж.) «Кутадгу билиг» поэмасын, Махмуд Кашгаринин (1084-ж.) «Диван-и лугат ат-түрк» сөздүгүн эстен чыгарбоо керек. Ошентип, археологиялык экспедициялардын ачылыштары, көп сандагы арабча, фарсыча, түркчө китептердин жана кол жазмалардын табылышы Кыргызстанда байыртан бери эле жазуу салтынын болгондугун айгинелеп турат. Ал мектептин билим берүүнүн көмөгү аркылуу да колдоого алынган жана өнүккөн. Мусулман билим берүүсүнүн белгилүү борборлору болгон Самаркан менен Бухарада мектеп медреселер XV–XVI кылымдарда пайда болгон. Кыргызстандын аймагында медреселер кийинчерээк – негизинен XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап ачыла баштаган да, алар отурукташкан эл үчүн болгон, ал эми көчмөн кыргыздар өз балдарын боз үйлөрдө окутушкан. Оксус дарыясынын (Аму дарыянын башталышы) баш жагында XIX кылымдын 30-жылдарында болгон англиялык саякатчы Дж. Вуд боз үй-мектепте куранды үйрөнүп жатышкан кыргыз балдарынын сабагына катышкан. 1857-жылы кыргыздарга келген. Ч. Валиханов да бугу уруусунун төбөлдөрүнүн балдары сабаттуулукка үйрөнө баштаганын көрсөткөн.
1892-жылдын маалыматына караганда Кыргызстанда бардыгы жети гана медресе болгон, булардын беши Ош шаарында жайгашкан, ал эми 1914-жылы Ош уездинде медреселердин саны 88ге чейин жетип, 1172 окуучусу болгон. Башка маалыматтар да кызык: 1913-жылдын 1-январына карата Пишпек уездиндеги нукура көчмөн 21 болуштуктагы 59 мектепте 1182 эркек бала жана 131 кыз окушкан, ал эми Пржевальск уездинин 26 болушунда 28 мектеп болуп, анда 2276 эркек бала жана 42 кыз окуган.
XX кылымдын башында Кыргызстанда жаңы методдогу («Усули жадид») мектептери ачыла баштаган.
Булардын негиздөөчүлөрү жана биринчи мугалимдери көп учурларда волгалык татарлар болушкан, алардын ордуна бара-бара Уфанын, Казандын медиреселеринен, Пишпек, Токмок жана Пржевальскидеги жаңы метод мектептеринен билим алышкан кыргыз мугалимдер келишкен.
Жогоруда айтылгандай шексиз түрдө кыргыздардын байыртан берки жогорку рухий маданиятынын, билимдүүлүгүнүн, алардын тилдерди үйрөнүүгө, поэтикалык жана илимий чыгармачылыкка умтулуусунун күбөсү болот.
Кыргыздардын эне тилдин негизинде адабий тилдин керектигин эрте түшүнгөндүгү да толук табигый көрүнүш. Адабий тилге болгон муктаждык бир катар кол жазма чы гармаларда, иш кагаздарында жана каттарда ишке ашы рылган. Булардын катарына биринчи иретте тарыхый окуяларга арналган Молдо Нияздын (XIX кылымдын 20-жылдары – 1896) Чымкен менен Ташкенди багынтуу (1865), ферганалык кыргыздардын Кудаяр-хандан (1845– 1858) Сарыколго качышы. Кашкардын башкаруучусу Якуб-бектин качкын кыргыздарга жасаган мамилеси чагылдырылган көлөмдүү санат-поэмасын атоого болот.
Автор Түштүк Кыргызстандагы Шаймардан дайрасынын өрөөнүндө туулган. Түндүк Кыргызстандын райондорунда болгон. Молдо Нияздын поэмасынын тилин үйрөнүүнү Б. М. Юнусалиев ишке ашырган XIX кылымдын 20-жылдарына (1824–1827) кыргыздардын орус бийликтерине жазган каттары таандык. XIX кылымдын 50–60 жылдарында кыргыздардын Россиянын карамагына алынышын сураган кыргызча каттар да сакталып калган. Кыргыздардын Россия менен болгон биринчи элчилик байланыштарына тиешелүү документ – каттар бар. Эң алгачкы кат – Атаке баатырдын каты – 1785-жылдын 23-августунда жазылган, б. а. XVIII кылымдын орто ченинде эле кыргыздар араб жазуусун пайдаланышкан. Ал эми акт документтеринин эң эрте жазылганы – 1847жылы түндүк кыргыздар менен казактын улуу жүзүнүн ортосунда түзүлгөн достук келишим.
Уникалдуу ушул документтердин бардыгы кыргыздарда түзүлгөн, жалаң эле тилчилер эмес, тарыхчылар үчүн да өтө баалуу.
Чолпонатадагы тарых-крайтаануу музейи өз экспонаттарынын арасына бекер жеринен кыргызча төрт каттын көчүрмөсүн койбогон болуу керек.
- кыргыз бийи Олжобай Акымбек менен старшина Мамбет Үмөтовдун Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жазган каты, Жыргалаң, 1825-жылдын 5-августу;
- кыргыз бийлери Шералы менен анын уулу Алгачынын Батыш Сибирдин генерал-губернаторунун ысымына жазылган каты. Ак-Суу, 1827-жылдын 9-апрели;
3-4) бугу уруусунун 1827-жана 1855-жылдары Россиянын карамагына өткөндөгү анттары.
Аталган чыгармалардын жана документтердин тили кандай тил? Мисал катары Молдо Нияздын поэмасын, Осмоналы Сыдыковдун Шабдан жөнүндө тарыхын жана XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын башы жана ортосундагы үч катты келтирүүгө болот.
Молдо Нияздын поэмасынын тилинин негизин көп түрк элдеринин тилдерине таандык болгон чагатай тили түзөт.
Муну төмөнкү фонетикалык белгилер ырастайт:
Й – сөз башында: йоловчу – жолоочу, йакшы – жакшы, йыл – жыл, йорга – жорго, йурт – журт, үй, йер – жер, йат – жат, йаз – жаз; биринчи муундан башка муундарда у, ү тыбыштарынын келиши: алтун – алтын, агаларум – агаларым, кайтаруб-кааруу, айрылур – айрылар, көңлүм калур – көңүлүм калар, айтум Нийяз – айттым Нийяз, иатар идуңиз – жатар эдиңиз, болмас мидум? – болбос эдим?..
Морфологиялык белгилерден төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот: илик жөндөмөнүн жумшак жана уяң үнсүздөрдөн кийин келгендеги -ның (-ниң түрү – кызның – кыздын, нерниң – жердин; табыш жөндөмөнүн жумшак жана уяң үнсүздөрдөн кийин келгендеги – ны (– ни түрү – бу мырзаны – бу мырзаны, сөзүңни – сөзүңдү; инструменталдык (курал) жөндөмөнүн – н түрү – көзүн көрүб – көзүн көрүп, өткөн чактын – мыш түрү – калмыш бу дунйада жакган адам – калган бу дүйнөдө жаккан адам.
Лексикалык белгилерге өздүк ат атоочтун кендүң сен өзүң жана билен жандоочунун колдонулушун көрсөтүүгө болот.
Орфографиялык белгилерге: ң тыбышын өзүнчө эки тамга (нун жана кяр) менен жазуу – журтынг – журттун, мангдай – маңдай, десенгиз – десеңиз жана уңгу менен мүчөлөрдү өз алдыларынча жазуу-тор-ныңтордун, камчым-ның – камчымын, өзүм-нүң – өзүмдүн.
Поэманын чагатай негизи казак чөйрөсүндө жаралып, жашагандыгы айкын билинет. Буларды төмөнкү белгилерден байкоого болот: тыбышы үндүүлөр, уяң жана үндүү тыбыштар ортосунда, сөз аягында в тыбышына өтөт: авыл – село, селение; авыз – рот, уста, баврум – мой дорогой (дословно моя печень), кара тав – черная гора, ш тыбышынын ордуна с тыбышынын колдонулушу – сол – этот, тот; жас теректей – как молодой тополь; биринчи, экинчи жактагы жактама ат атоочтордун маган – мне, саган – тебе түрлөрүнүн колдонулушу.
Бул аралашма тилди, муну эски казак адабий тили деп атоого да болот, поэманы жазууда Молдо Нияз өтө чеберчилик менен пайдаланган. Поэманын тили, албетте, кыргыз тилинин каражаттарын арбын чагылдырат.
Фонетикалык белгилерге төмөнкүлөр кирет: үндүүлөрдүн күчтүү эрин күүсү – Кокондо – в Коканде, жоргологон – шедший иноходью, көргөнмүн – я видел; сөз башындагы ж тыбышы – жаз – лето, жийирме – двадцать, жүр – ходить, же – есть, питаться; сөз башындагы (й) (жы -ордуна) – ыр – песня, ыраак – далеко; үндүү менен уяң үнсүздүн ортосундагы б, в – болвойт – не будет, кыш кылвайт – зимой она не делает; эрин дифтонгдорунун учурашы: ов – товдун (илик жөндөмө) – горы, бирев – некий, и ув (үв – увлуң – твой сын, кызыл өңдүв – краснощекий; үндүүлөр ортосунда й тыбышы келгендеги трафтонгдорунун учурашы – ийе (бийени – кобылу) и үйе (түйелериң – твои верблюды).
Морфологиялык белгилерге төмөнкүлөрдү кошууга болот: илик жөндөмөнүн – ның формасынын ордуна – нын түрүнүн колдонулушу – багбан-нын жайы – место садовода; барыш жөндөмөнүн -ды түрү – марттарды – молодцов; учур чактын жекелик санынын 2-жагы – т түрү болот – будет, койуйт – оставляет; өткөн жактын – чу, чү түрү – жерде жатчу чачылып – лежит разбросанная на земле, күндө шелче токучу – каждый день она ткала коврик.
Шабдан жөнүндө кара сөз менен жазылган Осмоналы Сыдыковдун тарыхый чыгармасынын тилине чагатай жана татар тилдеринин аралашмасынан турган эски татар тили негиз болгон: й – сөз башында: йи-гет – юноша, йаш – молодой, йок – нет; аяккы г – таг – гора; сөздүн уңгусун жана мүчөсүн бөлүп жазуу – булутларга (барыш жөндөмө) – тучам, бир жагынан, жана ир – мужчина, йан – душа, кебек (жандооч); чыгыш жөндөмө -нан – коллариннан – от их рабов, йирлэрэн-нэн – от их земель, экинчи жагынан. Жогоркудай тилдик фондо кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрү ачык байкалат: сөз башындагы ж – журт – селение, юрт, жигит – юноша, жет – достигать; илик жөндөмө -дин – мерифетдин изи – следы просвещения, биздин кыргыз – наши киргизы; табыш жөндөмө -ди – хызметди – службу, шол йерди – эту землю, кимди – кого; жандооч шекилди – как (татарча шикеле ордуна) – адем шекилди – как человек.
Атаке баатырдын (1785), Акымбек Олжобай бий менен Мамбет Үмөтовдун (1825) жана Байтик Канаевдин (XIX кылымдын ортосу) каттарынын тилине чагатай тилинин белгилери менен кыргыз тилинин белгилеринин көп сакталышы мүнөздүү: селамет-ликлер-ини (табыш жөндөмө) – их здоровье (Атаке баатырдын каты); бирүлмине алтун медал йолуктуруб алдум – подаренную золотую медаль я получил как полагается (Акымбек Олжобай менен Мамбет Үмөтовдун каты); уззатлу во хурматлу – дорогой и уважаемый (Байтик Канаевдин каты).
Аталган чыгармалардын тилдери, ар кандай күмөн, шектен сырткары, адабий тилдердин катмарына кирет: аларга калыпка салынып иштелгендик (үлгү каражаттардын болушу), диалекти абалынан жогоркулук (тил диалекти белгилеринин айкашы) хана тилдик салттын болушу таандык.
Жогоркуга карабастан адабий тилдердеги нормалуулуктун бир түрдүүлүгүнүн жоктугу да ачык байкалат.
Кыргыз адабий тилинин бир нече регионалдык түрлөрү жүзөгө ашырылган:
а) чагатай тилинин негизинде (кыргызча каттар);
б) эски казак адабий тилинин негизинде (Молдо Нияздын поэмасы);
в) эски татар адабий тилинин негизинде (Осмоналы Сыдыковдун «Шабдандын тарыхы» чыгармасы).
Ушул эле тизмеге өзбек тилиндеги регионалдык вариантын кошууга болот: 1918–1919-жылдардагы совет бийлигинин өкүлдөрүнүн элге кайрылуулары Түштүк Кыргызстанда өзбек тилинде чыгарылган; ал эми Түндүк Кыргызстанда болсо 1924-жылга чейин жазма тилдин милдетин бир кыйла деңгээлде өзбек тили аткарган (мисалы, Пишпектеги жалпы кыргыз демократиялык «Фухара» союзунун үндөөсү 1917-жылы Пишпекте жарыкка чыккан). Түндүк Кыргызстанда жергиликтүү эл «Кумек», «Учкун», «Кедей эрки», «Ак жол», «Тилши» гезиттерин жана «Чолпон», «Таң», «Жас кайрат», «Аелдер теңдиги» журналдарын казакча окушкан.
XVII кылымда кыргыздар орустар менен алака жасоодо монгол тилин жана жазмасын пайдаланышкандыгы белгиленген.
Орто кылымдардагы Кыргызстанда бир катар Европа жана Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле айрым скрипториялардын (көчүрүп жазуучулар, алардын мастерскаялары) тарыхый-маданий борборлордон болгондугун болжолдоого болот.
Бул өзгөчөлүктү В. В. Виноградов улуттук адабий тилдердин пайда болушун шарттаган феодализм дооруна мүнөздүү болгон Батыш менен Чыгыштын адабий тилдеринин өнүгүшүнүн жалпы закон ченемдүүлүгү деп эсептейт: мисалы, иран элдериндеги классикалык араб тили, түрк элдериндеги араб жана фарсы тилдери, жапандар менен карстардагы (кореялыктарда) классикалык кытай тили, герман жана батыш славян элдериндеги латын тили, түштүк жана чыгыш славяндардагы байыркы славян (байыркы болгар) тили, Балтика бою жана Чехия элдериндеги немис тили.
Ал эми орус адабий тилинин тарыхында бир нече адабий: эки новгороддук, эки киевдик, эки батыш орустук тилдердин болгондугун А. Н. Соболевский өзгөчө белгилеген.
Мурда адабий тил болгон эмес, ал эми колдонулган тил болсо «молдолордун тили» деген сөздү Кыргызстандан көп угуу га болот.
Бул сөздү, мен ойлоймун, оң мааниде гана түшүнүү керек. Себеби, мурдагы учурларда молдолор жалаң гана динге кызмат өтөгөн адамдар эмес, маданияттын жана эл агартуунун ишмерлери болушкан, балдарды кат-сабатка үйрөтүшкөн. Алар билимдүү адамдар катары Чыгыштын көптөгөн классикалык тилдерин билишкен, адабий тилдин калыптанышына жана өнүгүшүнө көмөктөш болушкан. Муну эч качан танууга, жана ошондой эле, баса көрсөтпөй коюу мүмкүн эмес. Салыштыруу катарында немис адабий тилинин улуттук доорго чейинки өнүгүшүндөгү айрым монастырлардын жана университеттердин ойногон ролун мисалга тартууга болот.
Элдин аз сабаттуулугуна шылтоо жасоо да адабий тилдин жашоосуна жана болгондугуна шек келтире албайт – маданиятта жалаң эле сан эмес, сапат жагы да өтө маанилүү.
Бул жөнүндө В. В. Виноградов мындай деген: буржуазиялык улуттардын панда болушунун алгачкы мезгилдеринде адабий тилди чектелген гана социалдык топтор билишет, ал эми айылдардагы, шаарлардагы элдин көпчүлүк массасы диалектини, жарым диалектини жана шаардык карапайым тилди пайдаланышат; мунун өзү улуттук тилди, эгер адабий тил менен бириктирсе, анда ал улуттун бир гана бөлүгүнө таандык дегендик.
Ошентип, кыргыздар такыр эле жок дегенде XVIII кылымдын башынан бери өздөрүнүн карамагында бир эле эмес, өзүнө таандык жанрлары жана стилдери бар араб жазмасындагы бир нече регионалдык адабий тилдерди пайдалангандыгын толук ишенимдүүлүк менен айтууга болот. Адабий тилдердин булактарын – кол жазмаларды, эски басма китептерди үзгүлтүксүз чогултууну улантуу зарыл. Аларды иретке келтирүү жана баяндоо, илимий чыгаруу жана изилдөө – ар бирин өз алдынча жана жалпы жонунан корутундулоочу жумуштарды жөнгө салуу керек. Мындай жумуштар XV–XIX кылымдарда кыргыздар колдонгон китептердин репертуарын жана окуган китептердин чегин, өткөндөгү сабаттуу кыргыздардын илимий билимдеринин жана адабий табиттеринин кандай болгондугун аныктоого, кандай окуялар жана ойлор аларды толкундаткандыгын, алардын кандай нравалык үлгүлөрдү кармагандыктарынан кабар берет. Ушунун өзү кыргыз элинин маданиятынын азыркысы менен өткөндөгүсүнүн ортосундагы реалдуу байланышты калыбына келтирет. Элдин тарыхын, өткөнүн кадырлабоо мүмкүн эмес. Өткөндү кабылдоо деп айткан улуу Пушкин,– чыныгы агартуунун белгиси.
МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ
КЫРГЫЗ ЭЛДИК АДАБИЯТЫ ЖӨНҮНДӨ
Алгы сөз
Тегинде кандайдыр бир чыгармачыл адам жагынан жаралган, ал чыгарма ошол элдин өз доорунда түшүнүгүн туюнтуп келген, элге жеңил өздөшүп, кийин жалпы эле элге орток болуп кеткен көркөм чыгармалар элдик адабият деп аталат.
Кыргыз элинин элдик адабияты көбүнчө оозеки жаралып, ооздон оозго өтүп жалпылашкандыктан кыргыз эл ооз адабияты деп аталат.
Кыргыздар эң байыркы улуттардан экени тарых таануучулар жагынан такталып келген. Биздин заманга чейинки III кылымдарда эле кыргыздар ханзу жазма тарыхтарында жазылып калган. Кыргыздар өздөрү баскан узакы тарыхый доорлордо көптөгөн нерселерди жаратты. Ошол жараткан табылгаларынын бирөө катарында элдик адабиятты атап айтса болот.
Кыргыз эли жараткан элдик адабият тарыхый доор жагынан: баштапкы доор адабияты, байыркы доор адабияты, кийинки доор адабияты деп үч чоң доорго бөлүнөт.
Кыргыз элдик адабияты түр жагынан: кара сөз түрүндөгү мифтер (аңыздары), уламыштар, жөө жомоктор, санжыралар, ыр түрүндөгү дастан, эпостор болуп, эки чоң топко бөлүнөт. Кыргыз элдик адабияты өзү басып келген үч чоң доордо тең жогоруда аталган эки чоң түр боюнча чыгармалар жаратып, элдик адабиятын толуктап келди.
Кыргыз элдик адабияты түр жагынан жана мазмун жагынан аябай бай. Биз кыргыз элдик адабиятынын негиздерин тааныштырганда жогоруда атаган үч чоң доор боюнча бөлүп баяндоону жөн көрдүк. Анын себеби, ар бир доордо жаралган элдик адабият тааным, түшүнүк, идеялар жагынан зор даражада айырмаланып, доорлук элекчиликтери абдан күчтүү болгон. Алып айтсак, баштапкы доор кыргыз адабиятында кыргыздардын дүйнөнү, жаратылышты таануудагы наристе элестетүүсү ошол доор адабиятынын негизги мазмуну болуп фантазия (наристе кыял) адабияттын көркөм каражаты болуп келген.
Ал эми байыркы кыргыз адабият доорунда улуттар менен улуттар, уруулар менен уруулардын кагылышы негизги мазмун болуп, баатырдык образ жаратуу адабияттын көркөм каражаты болгон.
Кийинки доор кыргыз адабиятында реал турмуш, кишилик тиричиликтин түрдүү жактарын камтыган, инсанат турмуш тажрыйбаларын баяндаган мазмундар, түрдүү татаал образды жараткан көркөм каражаттар болгон. Бул үч доордо жаралган чыгармалар мазмуну, баяндоо түрлөрү жагынан болсун, доорго жиктелүүсү таасын көрүнүп турат. Ошого кыргыз эл ооз адабияты элдик чыгармаларын тааныштырганда бир доор боюнча баяндоо бир кыйла чектелгендик туудурат деп карайбыз.
Колуңуздардагы бул биринчи бөлүк, кыргыз элдик адабиятын таанытып, доорунда жаралган эл ооз адабият чыгармаларын тааныштырууну көздөйт.
«Баштапкы кыргыз адабияты» доору адамзаттын баштапкы коом дооруна тушташ келет. Баштапкы коомдо эле тубаса баамчыл адамзат дүйнөгө, жаратылышка баар салып, заттардын, кубулуштардын жаралышы жөнүндө наристе элестете баштаган. Мына ушул наристе элестетүүсүн тил аркылуу өз ара баяндашып, өз баамдарын көркөм адабият менен түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Ошону менен баштапкы адабият негиздери жаралган.
«Баштапкы кыргыз адабиятынын» түшүнүгү баштапкы коомдун наристе түшүнүгү болуп, адабияттын негизги мазмуну дүйнөнү, ааламды, жаратылышты наристе баамдап, аны наристе элестетүү менен түшүндүрүү болгон мифтик чыгармалар болуп эсептелет.
«Баштапкы кыргыз адабиятынын» эрекчиликтери: биринчи, көп кудайлуу, көп ээлүү рухка ишенүү аркылуу сыйынуучу көптөгөн образдар жаралган. Экинчи, дүйнөнүн жаратылыштын, заттардын пайда болуу, жаралуу себептерин наристе элестетип, ошол наристе элестетилген нерселерге көркөм образ берип сүрөттөө болгон, үчүнчү, баштапкы кыргыз адабиятындагы окуялардын кагылыштары кайчылыктары адамдар менен адамдар ортосундагы кагылыш кайчылык болбостон табияттан тышкаркы сыйкыр күчтөр (дөө, желмогуз, албарсты ж. б.) менен адамзаттын кагылышы табият мүчөлөрүнүн, заттардын өз ара байланышы сүрөттөлгөн, төртүнчү, сөз касиетинин күчүнө чын бүтүү, сөз касиети кандайдыр бир натыйжа берет деп ишенүү менен түрдүү окуялар баяндалган.
Демек, баштапкы кыргыз адабиятынын эрекчиликтерин жыйынтыктап айтканда жогоркулар.
«Баштапкы кыргыз адабияты» деп аталган бул китепке, 5 бап киргизилди. Ал баптар: 1. Мифтер (аңыздар), 2. Уламыштар, 3. Дарым ырлар, 4. Ырым-тилек ырлар, 5. Эмгек ырлары болуп эсептелет.
Ошол беш баптын мазмундары жөнүндө окурмандарга табыштап коё турган бир нерсе бар. Бул беш баптын ичиндеги мазмундарда кээ бир адабияттар тек ошол доордун чыгармалары эсебинде гана тааныштырылды. Мисалы үчүн алып айтсак «Дарым ырлары» чынында эле дарым боло турган нерселер эмес, алар тээ баштапкы коомдун адамдарынын түшүнүгү боюнча чыккан гана адабият, бул ырлар кийинки адамдарга сырлуу түскө өтүп, купуя «күбүрөп» айтылып жүргөн, көптөгөн адамдар алардын толук текстин биле алышпай, «дарымчылардын» сырлуу түшүндүрүшү боюнча калып келген. Бул жолу адабияттык туркудан жарык көрүп жатат. Мындагы максат элди «дарымчылыкка» үйрөтүү эмес, ал «күбүрөп» айтылып жүргөндөрдүн сырын ачып, окурмандарды «ой, мындай эле неме турбайбы» деген түшүнүккө келтирүү болуп эсептелет.
«Баштапкы кыргыз адабиятынын» беш бабындагы айтылган мазмундар кыргыз элинин түпкү рухун, тарыхын, салт-санаасын, философиялык ой толгоосун, дүйнөнү, ааламды таануудагы түшүнүгүн билүүдө таңкыс материалдардан деп эсептейбиз, бул материалдардын көбүнчө эл ичинен чогултулуп, басма беттеринде жарык көрө элек материалдар экенин эскерте кетебиз.
«Баштапкы кыргыз адабиятын» жазууда Кыргыз мамлекетинен жарык көргөн «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынан очерк», «Кыргыз миф, уламыш, легендалары» аттуу китептер, Казак мамлекетинен чыккан «Казактын халк прозасы» аттуу китептен ырааттуу пайдаланылды. «Ак-Чий эл ырлары» аттуу китептен көптөп мисалдар алынды. Актоо ооданы Кызылтоо айлынан Ысмайыл Чүкө Токтосарт, Улуу-Чат оодан Кызылой айлынан Сатакун Кадыр, Көөнө Улуучат айлынан Асан Жумалы, Акчий оодандан Султанаалы Борбодой, Үмүракун, Молдек сыяктуу аксакалдардан кымбаттуу материалдар алынды.
Китептеринен пайдаланылган авторлорго, кымбаттуу материал берген элге чоң ыракмат айтабыз.
Ал эми бул китепке мифтик дастандар, эпостор дагы баяндалышы керек эле. Бирок китептин көлөмү чоңоюп кетпөөсүн көздөп, мифтик дастан эпосторду «Кыргыз дастан эпостору» деген эмгекте баяндоого туура келди. Бул китепти түзүүдө тажрыйбага чукак, адабият деңгээли тайыз болгондуктан, тайкылыктар, өөндөр көп экенине көз жетип турат. Окурмандар сын берсе, сынына сыйчыл мамиледе болобуз.
БИРИНЧИ БАП
КЫРГЫЗ МИФТЕРИ (АҢЫЗДАРЫ)
Миф (аңыз) жөнүндө түшүнүк
Чындыкка такыр коошпогон, бирок философиялык, көркөм эстетикалык касиетке ээ, байыркы адамдардын табияттаануудагы наристе (баё) элестетүүсү миф (аңыз) деп аталат.
Мифте баштапкы уруучулук коомдо пайда болгон, наристе эл ооз адабияты эсептелет.
Ал эми кыргыз мифтеринин пайда болуу себептерин бардыгы эле адамзатка орток болгон коомдун наристе кезиндеги адамдардын дүйнөгө, жаратылышка жана анын түрдүү кубулуштарына болгон наристе таанымынан улам айтууга болот.
Өндүргүч күчтөрү менен өндүргүч байланыштары өнүкпөгөн наристе коомдо кишилер жаратылыштагы түрдүү кубулуштардын сырын, себебин билишпеген. Табияттын күчтөрүнөн жеңилгенде, татаал дүйнөнүн ичинде тиричилик өткөрүүнүн катаал иштерине кабылганда, табиятты өзгөртүүгө мажүрөөлүк кылганда, асмандын, жердин жана башка кубулуштардын сырын, себептерин билүүнү эңсешкен. Жаратылышты түшүнүүгө умтулушкан. Бирок чыныгы сырын билүү, себебин түшүндүрүүгө да ыраматтары жетпеген да, аны тек көркөм элес менен баяндап, көркөм элес аркылуу түшүндүрүүнүн аракетинде болушуп, адабияттын наристе түрү мифти жаратышкан.
Миф чындыктын баяндалышы эмес, бирок ошол наристе доордун адамдары аны чындык деп билишкен, бек ишенишкен. Мифтерди карап тургандай, чындыктай сүрөттөп, наристе элестетип баяндашкан.
Миф чындыкка коошпогон наристе элес болгону менен ал адамзаттын өнүгүшүнө өзүнүн оң таасирин берген. Ал жөнүндө Маркстин мындай бааламасы бар: «Жаратылыш жана коомдук кебетелер элдик фантазияда (элестетүүдө) ойлонулбаган көркөм мүнөздө иштелип чыккан… Ал адамзаттын өнүгүш тарыхына аябагандай кол кабыш кылган улуу белек».
Демек, эл ооз адабиятынын эң баштапкы түрү болгон миф көркөм элестетүү аркылуу табиятты, ааламды жана анын сырларын чечүүгө, түшүндүрүүгө умтулушу, кийинки адамзаттын ой жүгүртүүсүнө чабыт болуп, ой өрүшүн кеңейткен. Мифтеги наристе элестетүүнүн нугунан барып жаратылыштын чыныгы сырларын издөөгө чабыт болгон, мифтин адамзат өнүгүү тарыхына кошкон үлүшү ошондуктан жогору бааланып олтурат. Айтмак, туубаса баамчыл жаралган адамзат ааламдын сырларын атап айтканда, күн, айлардын чыгышы, отурушу жаан, шамалдын болушу, жер титирөө, түрдүү айбандардын тиричилиги сыяктууларды баштапкы наристе коомдун адамдары наристе тааным менен баамдаган, жоромолдогон болсо, өнүккөн коомдун адамдары анын чыныгы сырларын баамдоого өтүшкөн. Ошону менен бүгүнкү илим жаралып олтурат. Бирок эмки адамдар ааламдын сырларын бүт билип түшүнүп болду деген сөздү эч ким айта албайт. Адамзат уламдан улам умтулуп ааламдын, жаратылыштын сырларын чечип чыныгы түшүнүү үчүн илим техникасын жаңылап жатат жана жаңылай бермек. Ал эли өнүккөн бүгүнкү заманыбызда да мифтин оролу зор болуп, илим изилдөөдө мифтердеги баяндарга кайрылуу иштери жок дегенге болбойт. Алып айтсак, жаныбарлардын чээнге кириши, алардын чээндеги турмушу жана башка белгисиз кубулуштарды иликтөөдө адамзаттын тээ наристе баамдашкандагы мифтердин баяндарын карап көрүүнүн пайдасынан башка зыяны жок.
Кыргыз эл ооз адабиятында элдик мифтердин (аңыздардын) ээлеген орду абдан басымдуу болуп кыргыз мифтерин кыргыз адабиятынын «көрөңгөсү» деп атасак болот. Кыргыз мифтери дүйнөдөгү башка улуттардын мифтерине жалпы система, чоң тематика жагынан окшошуп кеткенине карабай, жаратылыштын сырларын баамдоодо өзүнүн жашаган чөйрөсү, үрп-адаты, машкулданган (такшалган) чарба тиричилигине жараша, ааламды жаратылышты наристе элестетүүдө да кашкайган улуттук өзгөчөлүгү чыгып турат. Кыргыз мифтери кыргыздардын дүйнөгө болгон наристе баамын, таанымын чагылдырып берет.
Кыргыздардын мифтик түшүнүгү
Мифтик доордо кыргыздардын ааламды, жаратылышты наристе баамдашы, наристе элестетүүсү, карапайым таанымы кыргыздардын мифтик түшүнүгү болуп эсептелет.
Кыргыздардын мифтик түшүнүктөрүнүн негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй болгон.
Ааламга болгон түшүнүгү
Аалам жаралган соң, андан асман (көк) жер, көйкап жаралган.
«Жараткан тээ асманды (көктү) алты кабат жасап, ага перилерди, бакыт, кут бардык эле жакшылыктарды ошого жайгаштырган. Асманга күндү, айды жана жылдыздарды жараткан. Асмандагы ар бир жылдыз жердеги адамдардын жаны болот» деп түшүнүлгөн.
«Жараткан тээ жерди жети кабат жасап, жерге жаратылыштагы жан-жаныбарды, инсанатты жайгаштырган. Жердеги табияттын ар бир мүчөсүнүн өзүнчө калкалоочусу, ээси болот» деген түшүнүк болгон.
Жараткан жердин тегерегине курчай абдан бийик кырка тоо жасап, анын аркы жагына «көйкап» аталган бир орунду жаратыптыр да, көйкапка дөөлөр, маамыттар, сыйкырчылар, желмогуздар, алпкаракуш, чынар терек сыяктууларды жайгаштырыптыр.
Көйкаптагылар жер бетине чыгып, инсанатка дайыма коркунуч туудуруп турган, «көйкаптын оозу ачылса» анда тосулуп турган бороон, куюн келип, жер бетине «табияттан сырткаркы күчтөр» деп аталган көйкаптагы коркунучтуу күчтөрдү алып келет деп түшүнүлгөн, Кыргыз мифтеринде көйкаптагы күчтөр менен инсанаттын кагылышы, асмандагы перилер менен инсанаттын байланышы жөнүндө наристе элестетүүлөр, образдар жаралган.
Демек, кыргыздар ааламды үчкө, атап айтканда, асман (көк), жер, көйкап дегендерге бөлүп, ал орундарды мекендегендерди элестетишкен.
«Жан» жөнүндөгү түшүнүгү
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө ааламдагы бардык эле затта «жан» болот. Ар кандай заттын денеси өлсө да, жаны башка бир нерсеге айланып (мисалы: балдардын жаны чымчык болуп чыгып кетет, бирөөлөрдүн жаны жети кара чымчык ж. б.) кетет деген түшүнүк болгон. Ошого «өлтүрүү» деген сөздү «жанын алуу, жанын сууруу, жанын чыгаруу» деген сыяктуу сөз айкаштары менен туюнткан.
Тил жөнүндөгү түшүнүгү
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө асмандагы, жердеги, көйкаптагылардын баарында сүйлөй турган тили болот деп түшүнүлгөн. Ошого, асмандагы ай, күн, жылдыздары, перилер, булуттар да сүйлөй алат; жердеги тоо, суу, дарак-токой, айбанаттар адамча сүйлөөнү билет, сөздү угат деген, Көйкаптагы дөөлөр, маамыттар, алпкаракуштар да сүйлөөнү билет, сөздү угат деп түшүнүлгөн да, кыргыз мифтериндеги баяндарда заттар, айбанаттар, коркунучтуу күчтөр өз ара жолугушканда тилден эч качан тосулган эмес. Инсандар тоо-таштарга, дөөлөргө, ай, күн, жылдыздарга ээн-эркин сөз айта беришкен. Ал тургай бөтөн тил болот деген түшүнүк да жок, бардыгы бир түрдүү тилде сүйлөй билет, угат деген түшүнүк болгон.
Кубулуу, бир нерседен дагы бир нерсеге айлана алат деген түшүнүк
Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө ааламдагы кандайдыр бир зат сыйкырдык жөндөм менен кубулуп, бир нерседен дагы бир нерсеге ээн-эркин айлана алат деген түшүнүк болгон. Алып айтсак, адамзаттын жөндөмдүүлөрү аккууга, балыкка, айбанатка айлана алат. Заттар бирде пайда болуп, бирде кубула алат деген. Кыргыз мифтеринде ушул түшүнүк боюнча айтылган баяндар абдан арбын кезигет.
Ааламдагы заттардын жаратканы, ээси, теңири, колдоочусу болот деген түшүнүк
Кыргыздардын мифтик жана баштапкы диндик түшү нүгүндө ааламдагы ар кандай нерсени, заттардын, жан-жаныбардын жаратканы, теңири, ээси, колдоочусу болот, алар калкалоо, колдоо, сактоо милдетин аткарат. Күнөөлүүлөрдү ошолор жазалап, баш ийдирип турат деген түшүнүк болгон. Инсанат жаратканын, теңирин тайыган, сыйынган, андан жакшылык күтүп, анын алдында аруу жүргөн. Заттардын, айбанаттардын ээлерин ыйык билген да, аздектеген.
Кыргыздардын мифтик түшүнүктөрүн жыйынтыктай келгенде жогоркудай болгон. Ал эми мифтик элестетүү, образ жаратуу барышында мындан да көп, түрдүү түшүнүктөрү бар экенин баамдайбыз.
Кыргыз мифтеринин түрлөрү
Кыргыз мифтери мазмуну жагынан 1) сыйынуу жөнүндөгү рух мифтер, 2) ааламдын, заттардын жаралыш жөнүндөгү мифтер, 3) табияттан сырткаркы сыйкырдуу күчтөр жөнүндөгү мифтер, 4) тотемдик мифтер болуп төрт чоң түргө бөлүнөт.
Сыйынуу жөнүндөгү рух мифтер
Кыргыздар бечел коомдо башка инсанаттар сыңары эле ааламдык кубулуштар, заттардын жаралыш мыйзамдарын, жоголуу, өлүү, кырсыкка кабылуунун себептерин чечмелөөгө даремети жетпеген. Бирок шыбагасына баамчылдык жарлаган инсанаттар катарында ааламды наристе тааным менен баамдап, наристе элестеткен. Кыргыздардын элестетүүсүндө ааламды, теги бардык эле заттарды «жараткан» бар, ал эми жаралгандардын теңири, ээси, колдоочусу болот деп түшүнгөнүнөн улам, алгачында кыргыздардын баштапкы дин ишеними жаралган. Жараткан, теңир, ээлердин образдары наристе элестетилип, көркөм баяндалып, кыргыз мифтик таанымындагы сыйынуучу рух мифтер жаралган.
Кыргызда заттардын көптөгөн ээлерине сыйынуу (отко, сууга, токой-ташка) табынуу дини жана мифтик түшүнүгү болгон. Кийин, көк теңирге (көк теңири, ай теңири ж.б.) сыйынуучулук ишеним болду, андан соң ислам дини боюнча «бир кудайлык» динди тутунуп калды.
Кыргыздардын сыйынган рух мифтерине төмөнкүлөрдү атап көрсөтүүгө болот.
Жараткан
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө, ааламды жана анын ичиндеги заттарды жасоочу, жаратуучу «жараткан» деген болот, ал элден мурда ааламды жаратып, андан соң асман, жер, көйкаптагы заттарды жараткан. Ал эми, ааламдын, табияттын, инсанаттын керектөөсүнө ылайык
«жараткан» топуракты, сууну, токойду, айбанаттар, жан-жаныбарды жаратат. Алардын ар бирине ырыскы, шы бага бөлүп, түрдүү тоюттарды жасаган деген түшүнүк болгон.
Жараткан заттарды, айбанаттарды өз колу менен жасайт деп түшүнүлгөн жана ошолор жөнүндө көркөм наристе элестетилген. Мифтик баянда айтылган. Алып айтсак, «коёндун жаралышы» деген мифтик баянда, «жараткан» бардык айбандарга мүчө – кача (шыбага) бөлүп жасап болгондо коён келип калат. Ага берүүгө, аны жасоого мүчө-кача калбагандыктан, «жараткан» коёнго кулакты эшектен, эринди төөдөн, тырмакты иттен алып, коёнду курама мүчөлүү кылып жасайт. Ушул сыңары «уйдун бөйрөгү», «айбандарга ырыскы бөлүштүрүү» деген сыяктуу мифтик баяндарда «жараткандын» заттарды, айбанаттарды жасагандыгы жөнүндө көркөм элестетүүлөр ай тылат.
Кыргыздардын сыйынуучу рух мифтеринде «жараткан» эң эле баштапкы, эң алгачкы сыйынуучу руху болгон. Ал ааламдагы заттарды жасап, жаратып эле калбай, кадыресе өзү жаратканды калкалайт, колдойт, сактайт деп ишенген. Бардык нерседен улук санап, «жаратканга жалынуу», «жараткандан тилек кылуу», «жаратканым колдо», «жаратканым сакта», «жаратканга тапшырдым» деген касиеттүү сөздөрдү айтып калышкан.
Кыргыздар табиятты «жаратылыш» деп атап калышы да «жараткандын» жаратылышы деген түшүнүктөн улам болушу керек.
Теңир
Кыргыз мифтеринде «жараткандан» соң, теңирге сыйынуучулук аябай күчтүү болгон. Теңир инсанатта эле эмес, ааламдагы күн, ай сыяктуулар да, ал тургай аяз, от, айбанаттардын да теңирлери болот деген түшүнүк болгон. Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө «теңир» асманда (көктө) болот делинип, теңирден тилек тилегенде, теңирге жалбарганда көккө карап сүйлөгөн. «Теңир» көктөн ырыскы, бакыт, таалай, тагдыр берет. Инсанаттын айткан сөзүн, тилегин угат деп түшүнүлгөн. Күнөө, кылмыш өткөрсө теңир башка салат, каарына алат деп коркуп, аруу жүрүү теңирдин колдоосуна ээ болот деп каралган.
«Теңир жалгасын, теңир урсун, теңир тепсесин, момундун ишин теңирим оңдойт» деген касиеттүү сөздөр айтылат.
Теңирге сыйынуу кыргыздарда тээ эртеңден эле пайда болгон. Теңир жөнүндөгү мифтик түшүнүктөн улам, кыргыз мифтик баяндарында көптөгөн наристе (балалык баё) элестетүүлөрү жаралган. Алып айтсак, Көк теңири жана анын пери кыздары баатырларга жолуккандыгы, аяз теңири (аяз ата), от теңири сыяктуулардын мифтик баяндары айтылат.
Умай эне
«Умай эне» кыргыздардын сыйынуучу рухуна кирет. Умай эне жөнүндөгү мифтик түшүнүк адамзаттын «энелик доору» кезинен пайда болгон болсо керек. Кыргыз мифтеринде Умай эне жөнүндө наристе көркөм элестетүү баян айтылып, энени жана балдарды коргоочу, сактоочу ээнин (ээсинин) образын жараткан.
Курсакта бала Умай энеге «кыз болом, уул болом» деп ыйлайт экен. Ошондо Умай эне касиети менен теңеп «кыз болом» деп ыйлаганын уул кылып, «уул болом» деп ыйлаганын кыз кылып куяңга шапаттайт экен. Ошо бала төрөлгөндө куяңы көк (шапаттын изи чыгып) төрөлөт имиш. Демек, Умай эне баланын эркек, кыз болушун белгилейт деген түшүнүк болгон.
«Умай эне» энени жана баланы оору-сыркоодон сактайт деген түшүнүктөн улам балдарды эмдегенде дарылаганда «менин колум эмес, Умай эненин колу» деген сөздөр айтылып эмделген, учукталган…
Үйгө бөбөктү жалгыз уктатып коюуга туура келгенде «Умай энеге тапшырдым» деп камсыз болушкан. Бөбөктүн бетин «Умай эне жууйт» деп күнүгө жууп отурбайт.
Кыргыз мифтеринде Умай эненин образы, баяны жөнүндө бир кыйла көркөм чыгармалар жаралган.
Жер эне
Кыргыз мифтеринде «жер эне» деген түшүнүк «топурак» дегенге барып такалат.
Мифтик түшүнүк боюнча, адамзат топурактан жасалган, топуракка кирип жатат, топурактан ырыскы алып жашайт, деп түшүнүлгөн. Ошого кыргыздар «жер энени» (топуракты) ыйык билет.
Адамзат эненин курсагынан жер эненин кучагына түшүп, киндик каны топуракка төгүлөт. Кыргыздар киндик кан төгүлгөн жерди ыйык көрөт. Төрөлгөн конушка мүмкүнчүлүгү болсо дайыма оонап турса, дени таза жүрөт деген түшүнүк менен төрөлгөн конушка оонайт. Узаккы сапарга чыкканда туулган жердин топурагынан чымчым түйүп алып өзүнө жоро, касиеттүү колдоочу катары алып жүрөт. Туулган жерди жамандабайт, теппейт.
Күнөөсү болсо, кылмыш өткөрсө, «жер сорот» деген түшүнүк болгон. «Карымбайды жер соргон» деген мифтик баянга окшош мифтер айтылып «жер эненин» ыйык образы жаралган.
Кут
Кыргыз мифтеринде кут ак шоола же нур болуп теңир сыйлаган адамга жана үй-бүлөгө түшүрөт экен. Кут түшкөндө анын үстүнө ак жаан, ак сарбашылын атап мууздап ырымын кылып токтотот экен. Кут токтоткону коргошундан же калайдан киши кебетелүү куюп, кут түшкөн (шоола же нур) жерге жапкан касиеттүү чүпүрөккө ороп атадан балага мурас катары каткан.
Дагы бир айтымда кут түндүктөн коломтого түшөт имиш. Анын түсү кочкул кызыл түстөгү кичинекей килкилдек зат болуп, күнөөсү жок таза жүргөн киши алса, колуна тиер замат уюп «кут конот» экен. Күнөөлүү адам алса тезекке айланып калат имиш.
Демек, кут кыргыз рухунда касиеттүү каралып, ага сыйынган. Ал бакыт, ырыскы, жакшылык алып келет, кырсыктан калкалайт деп ишенилген. Адамга, малга илдет жармашканда куттуу тунук сууга жууп, анын суусун малга-жанга сепкен.
«Кут болсун», «Куттуу үйдөн кур чыкпа», «Кут консун» деген сыяктуу касиеттүү тилек сөздөр да кутка болгон сыйынуу, анын касиетине бек ишенүүдөн чыккан.
Кут бар адам, үй-бүлө аны сактоодо, куттун касиетин кетирбөөдө, өздөрүн аруу таза жүрүү аракети менен алып жүрүшкөн. Эгер «куттуу» адам же үй-бүлө күнөө, кылмыш өткөрсө кут кубулат; кут касиетин жоёт дегенге бек ишенишкен.
Кут жөнүндө айтылган кыргыз мифтери, уламыштары абдан арбын болуп кут чыныгы бар нерсе эмес, наристе элестетип чыгарылган руху азык, руху топук эсеп телет.
Кут кармоо, кут тутунуу ар бир үй-бүлөнүн эң чоң купуялыгы болгон да, кут ашкереленип калса, кубулат, касиетин жоёт деп эсептеген. Бирок кут жөнүндө мифтер уламыштар, жомоктор кенен айтылат.
Ата-бабанын арбагы
Ата-бабанын арбагына таюу кыргыз рухунун баштапкы түшүнүктөрүнүн бирөө эсептелет.
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө адам өлгөн менен анын арбагы ошол эле боюнча калат. Ал арбак ошол адамдын сөөгү коюлган чөйрөдө жүрөт. Ал урпактарынын туугандарынын тиричилигине көз салат, билип турат. Арбакка тайынса, анын атына атап «түлөө чалса» арб ак ар дайым колдоого даяр турат деген ишеним болгон.
Арбакка таюу, аны ыйык билүү кыргыздарда тээ мифтик доордо, атап айтканда, айбандарды тотемдик сыйынган доордон башталса керек. Себеби кыргыздар көрүстөн дөргө кулжа, бугу сыяктуу ыйык жаныбарлардын мүйүзүн коюшкан. Бул ата-бабанын арбагын ыйык тутунуп, тайыганын күбөлөйт.
Кыргыз мифтеринде ата-бабанын арбактары бала-бакыраларын, кийинки урпактарын колдоп, аларды кырсыктан жылоолоп чыккандыгы жөнүндө баяндар айтылат. Алар жөнүндө наристе элестетилген көркөм адабияттар жаралган.
Ата-бабанын арбагына табынуу мифтик түшүнүктүн наристе элестетүүсү менен көркөм адабиятка көтөрүлгөн түрүн «Манас» эпосунан ырааттуу жолуктурабыз.
«Манас» эпосунда Манастан кийинки кырк төрт баатыр жоого аттанганда, кандайдыр бир оор абалга кабылганда «Манастын күмбөзүнө» түлөө өткөрүп, арбагына тайыган. Манастын арбагы аларды колдоого алган. Айтылган бул эпостон улам кийинки урпактары Манасты баш кылып, ата-бабаларынын арбактарына дайыма кайрылып турган. Арбактар да аларды оор абалдан куткарып, кырсыктан сактаганы баяндалат.
Ата-бабанын арбагы колдоого алганы кыргыз түшүнүгүндө эки түрдүү элестетилет… Биринчи түрү, урпактары тиричиликте оор абал, кырсыкка кабылганда, ата-баба арбагын чакырса, арман кылып эсине алса, ашкере көрүнүп келип колдоого алат деп элестеткен. Мисалга айтсак, Семетей «жалгыз көздүү Мадикөл» менен салгылашканда, Мадикөл дөө Семетейди оор абалга түшүрөт. Ошондо Семетей атасы Манастын арбагын чакырып, эңсенип турса, Манас баштаган баатырлардын арбагы көрүнөт. Ал өз текстинде мындай айтылат:
…Семетей турса элеңдеп, Эки жагын каранып:
Аккула ат менен болкоюп,
Арстан Манас зоңкоюп,
Уй куймулчак Сарала ат,
Уюлгутуп Алмамбет,
Көк теке минип болкоюп, Көзөл Чубак келатат.
Буларды көрүп Семетей, Кайраттанып арстаның, Кайраты ашты ченебей.
(«Семетей» түп нускасы 193-бет.)
Ата-баба арбагы колдоого алуунун экинчи түрү, арбактын доошу угулуп, акыл-кайрат айтат. Мисалы үчүн алсак, Күлчоро оор абалга, кырсыкка кабылганда, атасы Алмамбет арбагы колдоого алганын эпосто мындай айтылат:
…Өзүнчө туруп чоронун, Эт жүрөгү элжиреп. Уйкусу келип аткансып, Кетип барат мемиреп.
Как ошондо жанына, Сарала атчан бир киши, Салып жетип келди дейт.
Мен Алмамбет деп айтып, Колунан кармап Күлүстүн, Колумдун күчүн бердим дейт. Башынан сылап Күлүстүн, Баардык күчүм бердим дейт.
Белдүү болгун уулум деп,
Кубаттуу болгун муунум деп, Кубулуп кетти жок болуп.
(«Семетей» түп нуска 238-бет.)
Демек, кыргыз рухунда ата-бабанын арбагына таюу, сыйынуу, андан көмөк күтүү абдан кенен орун алган. Ошого кыргыздардын мифтик баяндарында «ата-бабанын арбагы» жөнүндөгү көркөм элестетүүлөр арбын кезигет.
Табияттагы заттардын кубулуштардын жаралышы жөнүндөгү мифтер
Кыргыздар ааламды, дүйнөнү, заттарды таанууда анын жаралыш тегин билүү, чечмелөөгө дит коюп көргөн. Бирок алардын диттери тек баштапкы коомдун баамы, наристе элестетүүдөгү мифтик баяндар болуп кала берген. Ошону менен кыргыздардын табигаттагы заттардын кубулуштардын жаралышы жөнүндөгү көркөм мифтери жаралган. Кыргыздардын бул түрдөгү мифтерин (аңыздары) тек көркөм элестетилген наристе адабият деп гана түшүнгөн жөн. Анын чындык менен канчалык аралыкта жатканын эмки замандын окурманы жаземдебей билип турат. Кыргыздардын табияттагы заттардын, кубулуштардын жаралышы жөнүндөгү мифтерине төмөнкү сыяктууларды нуска катары көрсөтүүгө болот.
Ааламдын жаралышы жөнүндө
«Жараткан» ааламды жети кабат кылып жаратыптыр да дүйнөдө бар болууга тийиштүү бардык заттарды ошого жайгаштырыптыр. Бирок жети кабат ааламды от теңири өзү жеке ээлөөнү көздөп, улам алоолонуп жети кабат ааламды жалынга жалмата баштаптыр. Аны көргөн аалам теңири: «Нээтиңден кайт!» – деп от теңирине буйруптур. Бирок от теңири ага болбой, ого бетер кербезденип, аалам теңирине: «Колуңдан келгенин кыл!» – деп суздайыптыр.
Ошондо аалам теңири каарданып, 40 миң кулач мүйүздүү көк букага өзгөрүп, от теңирин чөлүй баштаптыр, ал чөлүгөн мүйүзү жерге да тийип чөлүнгөн издер тоо кыркалары өндүр, капчыгай, колот болуп жаралыптыр.
От теңири аалам көк букасынын чөлүгөнүнө чыдай албай, көк теңиринен орун берүүгө жалыныптыр. Ошондон зор алоо өрт көккө көтөрүлүп чыгып, көктөн орун алыптыр да, ошондо токтоп калыптыр. Аны кийинкилер «Күн» деп аташып кетиптир.
От теңири көктө туруп деле жерди куйкалап жиберүү ниетинен кайтпай, алоолоно берген экен, аалам теңири суук теңирин көккө жиберип, жерди суутушка буйруптур. Ал суук теңири кийин «Ай» деп аталып кала бериптир.
Аалам теңири жерди от теңиринен сактоо үчүн, мүйүзүнө көтөрүп алып, өзү аябагандай зор балыкка минип алып «Кем-Кем» аттуу деңизде калкып жүрөт экен.
Бул мифтик баянда, аалам анын ичиндеги Күн, Ай, Жер, жердеги тоолордун пайда болушу жөнүндө наристе элестетүү аркылуу ааламды баамдоого умтулганын көрөбүз.
Жердин каймакташы жөнүндө
Жер алгачында кичинекей көлкүлдөк зат болуп жаралыптыр. Ал улам каймактаган сайын чоңоюп, жумурткадайдан тайдын туягындай, андан ары чоңоё берген экен. Жердин уюшу, каймактап чоңоюшу менен жер жаралып, ааламдын бир алкагында туруп калыптыр. Бул кийинкийин инсанаттардын жашоо жайыты болуп калган экен.
Ай жөнүндө
…Ай ааламда аябай көп болот имиш. Алардын ар бирөө жер бетин көрүүнү аңсашат экен да, күнүгө кезек күтүп, бирден чыгат экен, калгандары соңунда чыдамсызданып, топон баласы болгонго дейре жер бетин бир көрүп калууга ашыгып турат экен.
…Көйкаптан жер бетине бир желмогуз чыгып, инсанат, жан-жаныбарга коркунуч туудура баштаптыр. Жер бетиндегилердин тилегин теңир кабыл алып, баягы желмогузду айга алып чыгып, кум менен тарууну аралаштырып, ошону айрып чыгууга буйрук салыптыр. Ал таруу менен кумду айрып болоюн дегенде чабалекей барып, куйругу менен аралаштырып жиберет экен да, желмогуз кайра тергенден терип отура берет экен.
Ай бетиндеги караан айдагы чынар терекке аркандап койгон ошол кум менен тарууну айрып терип отурган желмогуз имиш.
…Илгери жер бетинде томолой жетим бир кыз болгон экен. Ал ошончолук сулуу болгондуктан, ай көрүп ажары, күн көрүп көөнү түшүп калат. Ошондо күн айдан күчтүүлүк кылып, нурун таштап, кызды тартып аларда ай андан кадырын салып жатып сурап алып чыгып кетет. Жакшылап караган кишиге ай бетиндеги элес челектерин бакандап бара жаткан кыздай көрүнөт.
Ай жөнүндө айтылган жогорку кыргыздардын мифтеринин кыргыздардын айдын түзүлүшүн анын сырларын билүүдөгү наристе баамын байкоого болот. Ал эми ай жөнүндөгү бул наристе элестетүү кыргыздардын тээ баштапкы доордо асман, жер, инсанат бирдей, бирге аралаша жашай билет деген түшүнүгүнөн улам айтылып калганын баамдайбыз.
Үркөр жөнүндө
Качандыр бир убакта Үркөр менен Жетиген жерде жашаган адамдардан экен. Күндөрдүн биринде Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулууну Жетиген (Жети каракчы) ала качып, асманга чыгып кетишет… Үркөр артынан кубалап, кошо чыккан экен.
Ошол Үлпүлдөктү ала качкан жети каракчы (Жетиген) ошол мезгилден бери Алтын казыкты айланып качып, ал эми Үркөр аларды кубалап кармай албай жүргөнү жүргөн болуп калыптыр. Кыргыз мифтеринде Үркөр жөнүндө айтылган баян эң эле көркөм болуп, кыргыздардын жылдыздарды баамдашы, алардын кыймылын наристе элестетүү өтө көркөм образдар менен түшүндүрүлгөн болуп да жылдыздар да адам сыңары жан болоору, алар адамдардай эле касиетке сүрөттөлүшү эң байыркы тааным жана түшүнүктү туюнтуп турат.
Үркөр жөнүндөгү мифте Үркөр адамдан жаралган үч жылдыз, ал ар жылы кырк күндөн жерге түшүп кайтат деп билишкен. Ал тургай Үркөргө адамча мамиле жасашып, адамча сөз таштап кайрылган төмөнкүдөй ырды жолуктурабыз.
- Үркөр, Үркөр үч жылдыз, Үркүп кайда барасың?
- Жөө желимге барамын.
- Жөө желимде эмнең бар?– Аштык айдар уулум бар, Жибек созор кызым бар.
Жүгүрүп жүрүп жүн табат,
Жүн арасынан тарак табат. Таракты таттыма берем, Таттым боз токтусун берет. Тарс урам, көлгө салам, Көк ак уюмду берет.
Ак уюман аяк-сүт чыгат, Жатып ичсем жанбашыма төгүлөт, Кооп ичсем койнума төгүлөт. Экинчи түрдө айтылышы: – Үркөр, Үркөр үч жылдыз, Үркүп кайда барасың? – Эжекеме барамын, – Эжекең сага не берет? – Эчки саап сүт берет, – Аны неге куясың?
- Жалпак ташка куямын,
- Жайылып кетсе кантесиң?
- Жалай, жалай коемун,
- Жаагың сынса кантесиң,– Чаптай, чаптай коёмун.
- Ээгиң сынса кантесиң?– Эптей, эптей коёмун.
Үркөр жөнүндө айтылган бул сүйлөшмө ырда адамзат менен Үркөр аралаш жашап жүргөндөй элестейт. Жана келип, сүт менен жаңыдан таанышып жаткандыгы, сүт куя турган идиштин «жалпак таш» болуп, байыркы таш курал доорун айтып жатканы, Үркөр жөнүндөгү мифтин алда канча эртеде айтылганын туюнтуп турат.
Алтын казык жылдызы жөнүндө
…Көк теңиринин аксарат, көксарат деген эки жакшы аты болуптур. Аны алтын казыкка аркандаттырып койгон экен. Ал аттарды Көк уурулары кармамак болуп, аркан таштаса, аркандары жетпей калыптыр. Аларга чалманы түшүрүп кармайбыз деп жүрүшөт экен. Ошого аксарат, көксарат алтын казыкты айланып качып жүрөт экен. Жети каракчы алтын казыкты айлана чалма көтөрүп жүрөт экен.
…Эгерде, жылдыздарга мылтык мелжесе анда бардыгы ордунан жылат имиш. Бир гана алтын казык козголбойт экен. Анткени, илгери Канжыга аттуу баатыр атын байлаш үчүн, темир казык катары кагып койгон экен, ошондон бери Алтын Казык аталып калыптыр.
Алтын Казык жөнүндөгү бул мифтик баян Алтын Казык жылдызынын орду турактуу тургандыгын жана анын айланасында жети каракчы (Жетиген) айланып турганын баамдап, алардын эмне үчүн ошондой жайгашып калгандыктары мифтик түшүнүк боюнча, наристе элестетип, адам сыңары көркөм образга көтөрүп түшүндүрүүгө умтулуп жатканын баамдайбыз. Заттарды таанууда аны наристе элестетип түшүндүрүү нагыз мифтик тааным болуп эсептелет.
Алтын Казык жылдызы жөнүндөгү мифтин (аңыздын) чыгышы ошол жылдызды таануудагы наристе баам болгон. Ал эми ошол баам, элестетүү аркылуу бир жылдызга «алтын казык» деген жарашыктуу ат коюлганы эл оозундагы мифтердин коомдук турмушка кызмат кыларын эске салып турат.
Үч аркар жылдызы жөнүндө
Жер бүткөндө Толтой аттуу мерген болгон экен. Мунун мергендиги жумуру баштууда жок болуп, адистикте ок чыгарып, көз ирмеп атканын тегеле жазбаган экен. Бирок Толтой мергенди тоотпогон, капкайдан жыт алып, өңүткө жолотпогон абдан кыраакы Үч аркар бар экен.
Бир күнү сары айгырын минип, мылтыгын алып, тайганын ээрчитип келе жатып Толтой мерген Үч аркарга жолугуп калат. Апыл-тапыл аттан түшүп, айгырды кең тушап, мылтыгын сундуруп шыкаалай калган экен. Аркарлар жыт алып, дыр коюп качат. Толтой мергендин тайганы кууп жөнөйт. Аркарлар: «Бул балакеттен куткара көр, жараткан!» – деп тилек кылган экен. Жараткан тилегин кабыл алат.
Үч аркар асманга учуп жөнөйт. Тайган да жаза-буза бучкактап кошо жөнөйт. Толтой мерген да өңүттөн шыкаалаган боюнча учуп (мээлеп) калат. Тушоолуу сары айгыры да алардын артынан учуп чыгат. Булардын баардыгы асманга барып жылдыз болуп, ошондон тарта түн бою ордун алмаштырып туруп калган экен.
Бул «Үч аркар» жөнүндөгү миф (аңыз) кыргыздардын жылдыздарды баамдоодогу дагы бир элестетүүсү болуп, жылдыздын аты да ошол мифтик баяндын түшүндүрмөсү боюнча коюлган.
Жети каракчы (жетиген) жылдызы жөнүндө
…Жетиген жердеги адамдардай эле экен. Ал жерден Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулууну ала качкан каракчы болуп асманда туруп калыптыр.
…Жети каракчы Көк теңиринин алтын казыкка аркандап койгон көк сары атын уурдаганы чалма көтөрүп жүрөт экен.
Бул мифтик баяндан «жети каракчы» аталган жылдыздын атынын коюлушу да наристе элестетүүдөн улам болгонун баамдайбыз.
Булут жөнүндө
…Булут көктө кичи перинин кайтаруусунда болот имиш. Кичи пери колуна камчы алып, булуттарды туштушка кубалаганда жаан жаайт имиш.
Перинин каарланып ачуулуу кыйкырышынан күн күркүрөйт дейт.
…Булут жандуу болот экен. Ал белгилүү бир ээн жердеги дайранын боюна түшүп, суу ичип чыгып анан күн жаадырат экен.
…Кара булуттар «бооз булут» болот имиш, ал белгилүү жерге чидерип барып «тууйт» (жаайт) экен. Эгер удаасы менен нече күндөп жааса «булут бала салат» экен.
Бул мифтик баян табияттын кубулушу болгон жаан жааш, күн күркүрөөнүн сырларын чечүүгө баам коюп, аны көркөм наристе элестетип, булутту жандуу образ катары сүрөттөгөн.
Топон суу жөнүндө
Жараткандын каары менен жер бетин бүт «топон суу» каптап кетет да, «топон суу» оюп аккан жерлер өрөөн, капчыгай болуп жаралыптыр да, арсайган тоолор көтөрүлүп чыгыптыр. Ошондо жер бетинде жан-жаныбар калбай калмак болгондо Нух пайгамбар ар бир жан-жаныбардын тукумунан бир жуптан алып, кайык менен деңизге алып кетип куткарып калган имиш.
Кар жөнүндө
Кар илгери эмки турпатындагыдай «кар» эмес экен. Ал асмандан ун болуп түшчү экен. Адамдар аны керектөөсүнө карай алып, ээн-эркин тамак-ашына пайдалана берчү экен.
Күндөрдүн биринде, бир аял жупка жайып жатса, баласы чычып булганып алат. Алдастаган аял баланын көчүгүн жупка менен аарчып ыргыткан экен. Ал кесирине Жараткан каарданып: «Мээнет кылып эгин экпеген унду ынсанат кар кылат экен»,– деп көктөн андан ары ун түшпөй, кар түшмө кылып коюптур.
«Кар» сөзүнүн кыргыз тилиндеги мааниси «асырабоо, кадырлабоо, коромжу кылуу» деген маанилерди берет.
Кар жөнүндөгү бул мифтик баян табият кубулушу болгон кардын пайда болушуна наристе баам жүгүртүп, акты, унду инсанат каралабоосу керек экенин көркөм элес менен түшүндүргөн.
Жердин титиреши жөнүндө
Жараткандын буйругу менен жерди аалам көк өгүзү мүйүзүнө көтөрүп турат экен.
Көк өгүз чаалыгып, мүйүзү талыганда, бир мүйүзүнөн дагы бир мүйүзүнө сала коюп көтөрөрдө жер титирейт имиш. Жердин титиреши жөнүндөгү бул мифте да жаратылыштын жер титирөө кубулушуна баам салынган болуп, жердин эмне үчүн титиреш себебин наристе элестетүү менен түшүндүрүүгө умтулганын көрөбүз. Мындай мифтик баян тээ төмөнкү бечел коомдун адамдарына чындыктай туюлган, алар ошондой экенине бек ишенген. Ал эми биз үчүн бул баян наристе адабият катарында гана кызмат кыла алат. Жогоруда нуска катары көрсөткөн мифтик баяндар асман заттары, жаратылыштын кубулуштарынын пайда болуу, жаралуусун көөдөк баамдаган, наристе элестеткен, алардын пайда болуу, жаралуу себептерин, сырларын наристе көркөм баян менен түшүндүрүүгө далалат кылганын көрдүк. Мына ушуларга окшош асман заттарынын жаралышы, пайда болушу жөнүндө элестеткен баяндар «асман заттары жөнүндөгү мифтер» деп аталат. Асман заттары табияттын кубулуштары жөнүндө айтылган мифтер кыргыз эл ооз адабиятында абдан арбын. Биз бул китепте бардыгына дээрлик токтолуп олтурбадык.
Төмөндө айбандардын жаралышы жөнүндөгү мифтерден бирди жарымды үлгү катары көрсөтө кетели.
Коёндун жаралышы жөнүндө
«Жараткан» бардык ымыйян-чымыян жан-жаныбарлардын мүчөлөрүн жасап, өз ылайыгы боюнча кураштырып берип жаткан кезде, коён коркуп, айбыгып, жаратканга мурда баралбай, аркада калыптыр. Калган жандуулар мүчөлөрүн толук кураштырып алып кайтып болуп калганда, «жараткан» ээн турганда, анан коён барып: «Менин мүчөлөрүмдү берсеңиз»,– деген экен, анда жараткан кейип:«Сен мурдараак келсең болбойбу, мен мүчөлөрдү такыр бөлүштүрүп берип болбодумбу, эми сага эч нерсе калган жок», – деген экен.
Анда коён: «Антпей, мага да ылайыгында мүчө бербесеңиз болбойт», – деп ыйлап туруп алыптыр. Аргасыздан жараткан эшектен кичине кулак сурап, төөдөн эрин сурап, иттен бут сурап, эчкиден чычаң сурап, жээренден бел сурап алып аларды чогултуп «ме, мына буларды мүчө кылып ал», – деп берген экен.
Ошого коёндун кулагы эшектикине, ээрди төөнүкүнө, буту иттикине, чычаңы эчкиникине, бели жээрендикине окшоп жаралып калган имиш.
«Коёндун жаралышы жөнүндөгү» жогорку мифте жан-жаныбардын тукум уругунун жаралуу тегин мифтик наристе элестетүү менен түшүндүрүүгө умтулган. Биз мындан жаныбарларды таанууда анын кебете түспөлүнө баам салган ата-бабанын наристе баамын байкай алабыз. Жараткандын кыргыз рухундагы образын көрө алабыз.
Уйдун жаралышы жөнүндө
Жараткан бардык жан-жаныбарлардын мүчөлөрүн жасап берип жөнөтүп жатыптыр. Уй да бардык мүчөлөрүн алып, эми бөйрөгүнө келгенде, бир сайгак келип сайылган экен. Анын оорусуна чыдай албай, бөйрөгүн эсинен чыгарыптыр да куйругун чамгарактатып качып жөнөптүр. Бир маалда сайгактан кутулуп, өпкөсүн басып алган соң баамдаса, эки бөйрөгү жок, эки капталы оңурайып эңшерилип турган экен. Ошондон күшүлдөй басып барып, Жараткандан бөйрөк сураптыр. Жараткан бардык жаныбарларга бөйрөктү бөлүштүрүп берип болгон экен, бөйрөк калбаптыр. Кайрадан жаныбарларды чогултуп бөйрөктөрүнөн сурап алып, уйга бөйрөктөрдү кураштырып берген экен. Ошого уйдун бөйрөгү кырк курак болуп калган имиш.
Бул мифтик баян уйдун бөйрөгүнүн туруму келбетине карай элестетилип айтылган көркөм түшүнүк болуп эсептелет. Мындагы башкы тааным дүйнөдөгү заттардын жасоочусу, жаратуучусу болот деген түшүнүктөн улам элестетилип айтылганын баамдайбыз.
Табияттан тышкаркы сыйкырдуу күчтөр жөнүндөгү мифтер
Табияттын жаратылышында болбогон, бирок мифтик түшүнүктөн улам наристе элестетип, баштапкы доордун адамдары өздөрүнө душман күчтөр менен жандарына пайда келтире турган күчтөрдүн образын жаратып баяндаган мифтер табияттан тышкаркы күчтөр жөнүндөгү мифтер деп аталат.
Бул түрдөгү мифтер дүйнөдөгү заттардын пайда болуу, жоголуудагы себептерин, адамзаттын кырсыкка кабылуу, бакыт, жакшылык көрүүнүн себептерине баам салган, бирок анын чыныгы себептерин чечмелөөгө дараматтары жетпей, тек наристе элестетүү менен көркөм адабиятка көтөрүп түшүндүрүүгө умтулган. Ошондуктан ташка айлануу, кубулуу, жана адамдарга бакыт, таалай алып келүүчү кызыр, мүрөктүн суусу сыяктуу эле элестетме образдарды жаратышкан. Дөө, желмогуз, албарсты, ажыдаар, алпкара куш сыяктуу душман күчтөрдүн элестетме образдарын жаратып, жан-жаныбарлар, инсанаттар ошолордун колунан мертингени, ошолорду жеңүүгө күрөш жасагандыгы (мисалы эр Төштүк бүт өмүрүн желмогузду жеңүүгө арнаган) жөнүндөгү күрөшчүл образдарды жаратып, адамдарды туушту (жаратышты) болууга кайраттандырган күрөш жасоо аркылуу ар кандай күчтү (дөөлөрдү, желмогуздарды, жетимиш эки кубулмалуу сыйкырларды) жеңип чыгууга боло тургандыгына ишеним тур гузган.
Баштапкы коомдун адамдары мифтик түшүнүктө наристе элестетилип образ жаратылган. Дөөлөр, желмогуздар, ажыдаар, сыйкырлардын бар экендигине бек ишенишкен. Алардын табияттан тышкаркы чөлкөмдөрдө жашашы чын деп түшүнүшкөн. Мына мындай ишенүү мифтердин көркөмдүк касиетинен пайда болгон деп айтууга болот. Андай дештеги себеп, мифтерде жаралган образдар чыныгы кебетеде берилген.
Кыргыздардын «табияттан тышкаркы сыйкырдуу күчтөр» жөнүндөгү мифтери мазмун жана образ жагынан кереметтүү күчтөр жана көйкаптагы күчтөр деп эки чоң түргө бөлүнөт.
Кереметтүү күчтөр жөнүндөгү мифтер (аңыздар)
Кыргыздын «кереметтүү күчтөрү» жөнүндөгү мифтеринде табияттын, же кандайдыр бир күчтүн жардамсыз эле бир нерседен дагы бири нерсеге өзгөрүү, айлануу, кубулуу жөнүндөгү түшүнүк айтылат. Бул түшүнүктөрдүн бардыгы сыйкыр күчтөрдүн, сыйкырлык өнөрдүн бар экенине «ошондой керемети болбосо анан кантип болсун» деп акылы жетпей таң калгандан улам болгон.
Кереметтүү күчтөр жөнүндөгү мифтер жана мифтик түшүнүктөргө төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот.
Жан жөнүндө
«Жан» жөнүндө кыргыздар мифтик наристе элестетип, «жан» деген «көк чымын» же «көк түтүн» деген образды жараткан.
Жандуу нерселердин элден мурда тулку-бою жаралып, андан кийин ага жан салынат деп түшүнүлгөн. Мисалы, «Үч дос» деген жомокто, үч дос бир токойдо түнөөгө туура келет да, кезек менен бирдемени күзөтчү болуп таң атырмай болот. Алдында, үч достун «жыгаччысы» кезекте турат. Ал жөн турбай жыгачтан бир сулуу кызды тулку боюн жасап тургуза коёт. Экинчиси кезекте турганда, ал кийим тиккич экен. Ал да бекер турбай, өз өнөрүн берки экөөнө көрсөтүү үчүн ал сулууга кийим жасап, демейдеги кыздардай жасап салып уктайт. Тигил үчүнчүсүнө кезек келгенде жанагы экөөнүн өзүнөн ашырмак болуп, «жан» салгыч экен да, ал кызга жан салып коюптур. Эртеси үчөө ал кызды талашып калган экен, кана ким алса болот?
Жомоктун кыскача баяны, мында «жан» салгыч, жан салуу, жан кирүү деген түшүнүктө жатат.
Демек, кыргыздардын түшүнүгүндө «жан денеден бөлөк нерсе, – адам өлдү дегени «жаны денеден чыкты» ал денеден чыгаарда «көк түтүн болуп бур этип чыгат» же «көк чымын болуп чыр этип чыгат» деп элестеткен. Ушундай түшүнүктөн улам кыргыздардын мифтик жомокторунда жети баштуу желмогуздун жети жаны бар экени, кээ бир алптардын (мисалы, «Эр Төштүктө» Чоюн кулак алптын, «Сейтекте» Кыястын) жаны өзүндө эмес, кара чымчыктарда болуп, аны аркардын ичине салып сактаганы жөнүндө айтылат. Эгерим, баатырлар алардын жанын таап, элден мурда өлтүрбөсө өздөрүн жеңүү мүмкүн эмес деп түшүнүлгөн.
«Жан» жөнүндө дагы мындай миф айтылат: Асмандагы жылдыздардын ар биринде жердеги адамдардын жандары болот. Асмандан бир жылдыз учса жерден бир адамдын жаны чыгат (өлөт) имиш. Мына ушуга окшош «жан» жөнүндө айтылган мифтик баяндар кыргыз эл ооз адабиятында арбын кезигет.
Кайып болуу жөнүндө
Кыргыз мифтик түшүнүктөрүндө «кайып болуу» жөнүндөгү элестетүү баяндары арбын кезигет. Кыргыз мифтеринен карасак, «кайыпчынын Каратоо», кайыпчынын «Караүңкүр» деген чөлкөмдөрдүн наристе элестерин кезиктиребиз. Анда баяндарда айтылышынча «кайып болуу», «Кайыптан бүтүү» бүткүлдөй ошол чөлкөмдө болот экен.
«Кайыптан бүтүү» дегенде, ошол «кайыпчынын Каратоо же үңкүрүнөн» бир кайып күч чыгып белгилүү ургаачы затка насилденет. (Адам, же жылкыга көбүнчө айтылат), ошону менен «кайыптан туулат» деп айтылат. Мисалы үчүн айтсак, «Манас» баатырдын аты Аккула нын энеси «Кызыл чаар бээ» жөн үйүрдөгү айгырлардан токтобойт, ал жети жылда бир ирээттен жоголуп кетип (кайыпчы тоосуна кетип) кайыптан токтоп келет экен. Ошого, Аккула, Кылкара сыяктуу аттар «кайыптан бүткөн жылкылар» деп айтылат. Кайыптан бүткөн аттар «алтайлык жолго минсе, селт этип чөп жебей, кылт этип суу ичпей» чыдай берген.
Ошол сыңары кайыптан бүткөн нерселер, заттар кыргыз мифтеринде көп айтылат.
«Кайып болуу» деген сөз кыргыз мифтеринде «кайыпчынын тоосуна, үңкүрүнө» кирип кетти деген мааниде баяндалат. Кыргыз мифтеринин ушул баяндарына караганда, «кайып болуу» элдик каармандар, ыйык жаныбарлар бул жашоодон аргасы түгөнгөндө, мисалы, Семетей өзү багып чоңойткон эмчектеш чоросунан зыянкерчиликке учураганда, бул жашоодон аргасы түгөнөт. «Кененим» бөлүгүндө Асыл бачаны Жоодар бешим жаңылып атып алганда аны кучактап жаткан Коёналпты Кененим чокмор менен жалпайта чаап алганда (баардыгы жаздым таанып), Кененим бул жашоодон аргасы түгөнөт, «Кайыпчынын Каратоосу үңкүрүн» көздөй басып кайып болот. «Буудайык» дастанында Буудайык «кайыпчынын Караүңкүрүндө» бүтөт. Кайра ошол үңкүргө эки жолу кайтат.
«Кайыптан бүткөн» ар кандай жандын өлүшү эң кыйын, оңойлук менен өлбөй, көпкө жашайт: «Кайып болгондор» өлгөн катарында эмес, «кайыпчынын чөлкөмүнө» (Каратоо, Караүңкүргө) кетип жашап калат, керек болсо, кайра пайда болот деген түшүнүк болгон. Мисалы, Семетей кайып болот, кийин кайра келет. Демек, «Манас» эпосунда жалгыз гана «Манас баатыр» өлүп, аны жерге койгондон башкалары (жети урпагы) кайып болуп кетет (кээ бир варианттарда).
Айтмак, «кайып кыргыз мифтеринде кереметтүү күч, нерсе» катары элестетилип, анда кандайдыр бир «кереметтүү күч» болорун, ал эч кандай сырткаркы күчтүн жардамсыз эле көзгө көрүнбөй кетүүсүнө баштапкы адамдар чын бүтүшкөн.
«Кайып болуу» жөнүндөгү мифтик түшүнүк наристе көркөм элес болуп, адамдар өлүмдүн чыныгы себептерин, анын мыйзамдуулугун чечмелөөгө дараметтери жетпей, камкорчу баатырларынын, ыйык жандуулардын «өлүмүн» наристе элестетип, мифтик тааным боюнча түшүндүрүүнүн аракетинде болгон.
Ташка айлануу жөнүндө
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө, дүйнөдөгү жанжаныбарлар абдан чаалыгып чарчаганда, же болбосо, жашоо мүмкүнчүлүгү калбай аргасы, айласы түгөнгөндө, (мисалы, «келин таш» аттуу мифтик баянда бир келин жоонун колуна түшөөрдө «ташка айланат») түбөлүк жатып (уктап), ташка айланат» деп түшүнүшкөн. Ташка айлануунун дагы бир себеби, дүйнөдөгү жан-жаныбарлар күнөө өткөрсө, опсуз жаңылса «жараткандын» каргышы менен ташка айланып калат имиш. Андан бөлөк сыйкырчыларда сыйкыры менен кандайдыр бир дөөлөрдү ташка айланта алат экен.
Кыргыз мифтеринде «ташка айланууда» бир түрдүү керемет күч катары эле иштетилип, кыргыз мифтик баяндарын көркөмдөөгө каражат кылынган. «Ташка айлануу» жөнүндөгү баяндар кыргыздардын кереметтүү жомокторунда, уламыштарында болуп (тоо, таштардын аталып калышы жөнүндөгү уламыштарда), алып айтсак, «Күйөө таш», «Кыздар ашуусу» деген уламыштарда «ташка айлануу» жөнүндө баяндар айтылат.
Сыйкыр жөнүндө
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө, «сыйкыр» бир түрдүү «кереметтүү күч» катары элестетилет да, «сыйкыр» эч кандай сырткы көмөк, себепсиз эле, бир нерсени дагы бир нерсеге өзгөртө ала турган, кубулта коё турган жөндөмгө ээ өнөр катары сүрөттөйт.
Мифтик баяндарда, «сыйкыр» өнөрдүн эң кылда учу болуп, сыйкыр өнөрүн билчүлөр «сыйкырчы» аталган, сыйкырчылар атайын үйрөнгөн, машыккан катары элесте тилет. Сыйкырдын түрлөрүн канча көп билгендер ошончо жөндөмдүүлөр эсептелет.
Кыргыз мифтик баяндарында, сыйкырды эң көп билгендер 72 сыйкыр билет деп айтылат.
«Сыйкыр» кыргыз эл адабиятында болуп да, «кереметтүү жомоктор» эпосторунда абдан ырааттуу баянд алат.
«Сыйкыр» жөнүндөгү наристе элестетүү «Эр Төштүк» мифтик эпосто эң байыркы түрү боюнча айтылат. Алып айтсак, эр Төштүк ажаты болгондо, атын карчап койсо «күмүш сака» болот жана башка согуштук жарактары да сыйкырдуу болот. Андан бөлөк кыргыз жомокторунда, ажаты болгондо «таягын» минип «уч» десе алып учуп кете берет. Сыйкырлуу сыйкырчылар ажаты келгенде ар түрдүү жаныбарларга, заттарга өзгөрүп, кубула алат. Сыйкырчылык «Манас» эпосунда да кеңири каражат кылынат. «Манас» эпосундагы оң каармандардан Алмамбет, Айчүрөк, Кененим, Асылбача, Бекбача, Сейит, Куйлусу сыяктуулар жеткен сыйкырчылар катары баяндалат. Терс каармандардан Коңурбай, Шыпшайдар, Ыраңкүдүк, Жүйлүн дөө сыяктуу бардык эле дөөлөр сыйкыр билишет.
Демек, «Сыйкыр» жөнүндөгү элес, образ кыргыз мифтеринде, жомокторунда басымдуу орунду ээлейт.
Кызыр (кыдыр) жөнүндө
Кызыр илгери кайып болуп кеткен заттан болгон имиш. Кызыр аруу, агдар жүргөн инсанатка жолукса «кызыр даарыды» делип, бакыт ырыскы келет экен.
Кызыр адам баласына үч жолу (27 жашында, 47 жашында, 67 жашында) жолугат экен. Аны өз ыкласы менен туюп, билип кадырлай билсе «кызыр жылоолоп», токтоп калат имиш. Тааныбай, билбей калса өңүп кетет экен.
Кызыр адам баласына жолукканда ар түрдүү кебетеде, кээде ак боз ат минген аксакал катары жолукса, кээде «тулубун көтөргөн кайырчы» кебетесинде жолуга берет имиш.
Кызыр жолугуп, кызыр даарыган инсан бат эле иши оңуна тартып, бакыт, кадыр-баркка ээ болуп кетет деп түшүнүлгөн. Ошого кыргыздардын ак батасында: «кызыр колдосун», «кызыр жылоолосун», «кызыр даарысын», «жолдошуң кызыр болсун» деген сөздөр айтылат. Кызыр жөнүндө түшүнүк, баштапкы коом адамдары «байлык, бакытты» бөлүп берчү ээси болот деп баамдашкан. Байлык, бакыттын колго келишин «эмгек, кан, терден» эмес, кандайдыр бир «кызыр» аталган кереметтүү күчтөн келет деп, аны наристе элестетип «кызыр» образы аркылуу түшүндүрүүгө умтулган.
«Кызыр» чындыкта, табиятта болгон нерсе эмес, мифтик көркөм адабиятта наристе элестетилген адабияттык образ гана болгон.
Мүрөктүн суусу жөнүндө
Мүрөктүн суусу өтө ыйык зоокадан таштын бетин жарып чыгат имиш. Мүрөктүн суусун ичкен жан өлбөйт экен. Ошого «өлбөстүн суусу» деп да айтылат.
«Мүрөктүн суусун» абдан тунук, таза элестеткен. Ошого «Мүрөктүн суусундай мөлтүрөп» (таза) деп айтылат.
«Мүрөктүн суусу» жөнүндө түшүнүк баштапкы коомдо кадырлаган, аргасын ойлошкон. Кандайдыр бир нерсе өлтүрбөөгө себеп болот деп баамдашкан. Бирок анын чыныгы себебин табуу мүмкүн эмес эле, ошого «өлбөстүн» себебин көркөм наристе элестетүү аркылуу «мүрөктүн суусу» образы менен түшүндүрүлгөн. «Мүрөктүн суусу» жөнүндөгү баяндар кыргыздардын мифтеринде (аңыздарында), кереметтүү жөө жомокторунда, эпосторунда көп кезигет. Эл-жерди коргогон баатырлар мүрөктүн суусун ичип узаккы жашаган окуялар сүрөттөлөт.
Перилер жөнүндө
Перилер көктөгү теңирлердин кыздары имиш. Алар жер үстүнө ак куу же сулуу кыз кебетесинде түшүп, чыгуу мүмкүнчүлүгү болот экен. Перилер көбүнчө асманда булуттарды кайтарат дейт.
Кыргыз эл ооз адабиятынын мифтик элестетүүсүндө перилер асманда туруп, жер бетинде болуп жаткан иш терди, адамзаттын аракеттерин туюп, билип турат экен. Перилер адамзаттын баатырларына, ак, адил жигиттерине ашык болуп, алардын кыйынчылык жана оор абалдарын жеңилдетүүгө жардам берет экен. Ошого, кыргыз эл ооз адабиятында перилер оң каармандардан болуп эсепт елет.
Кыргыздардын кереметтүү жомокторунда эпосторунда перилердин образдары жаркын жаралып, алардын кызматы келбети сонун элестетилет.
Алып айтсак, эр Төштүктө перинин кызы Бектору, «Жоодар бешимде» Нопери кыз сыяктуулар да перилердин образдары айтарлуудай жаралган.
«Манас» эпосунда Манастын колдоочусу «Кызыл кыз» ар кандай кезде Манасты жылоолоп колдойт. «Семетейде» Айчүрөк пери образында (Ак куу кебетесинде) укмуштай сүрөттөлөт. «Сейтекте» «Куйалы» пери образында, «Кененимде» эң эле көптөгөн перилер сүрөттөлөт. «Бекбача» Ноопану аттуу пери кыз менен той жасайт, демек, «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүндө тең перилердин кызматы, элеси көркөм сүрөттөлөт.
Демек, пери кыргыз эл ооз адабиятында жаркын жаралган, наристе элестетилген образ болуп, ар кайсы жаныбарларда кеңинен колдонулган кейипкер катарында саналат.
Көйкаптагы күчтөр жөнүндөгү мифтер
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө, табиятты, атап айтканда, жерди кыркалай курчап, башы көккө такашып турган тоо кыркасы болот имиш. Ошонун аркы жагы «Көйкап» аталган чөлкөм экен. Көйкап чөлкөмүндө жер бетиндеги инсанатка, жан-жаныбарларга коркунуч келтире турган жоолор жайгаштырылган имиш. Алар кандайдыр мүмкүнчүлүк тапса эле жер бетине чыгып, инсандарды, мал-жанды жеп, кырып турат экен. Инсандардын баатырлары мына ошолордон элди, жерди коргоп, көрүшкөн окуялар сүрөттөлгөн. Мисалга айтсак, мифтик эпос «Эр Төштүктө» Эр Төштүк көйкаптагы жоолор менен өмүрүнүн соңуна чейин күрөшөт.
Кыргыз мифтеринде «көйкап» жер асты деген мааниде да айтылат. Мисалы үчүн, «Эр Төштүк» эпосундагы мындай баянды көрүп багалы:
Жер астына куулма,
Түшөрүнө калганда,
Кончуңда күмүш саканы
Алып туруп сен карча, Таба албай көйкап тешигин Куулма токтойт ал жайда.
(«Эр Төштүк» Ж. Мамай варианты)
Демек, кыргыздардын эл ооз адабиятында, атап айтканда, мифтеринде, жомокторунда, эпосторунда көйкап жөнүндөгү баяндар, ал көйкап чөлкөмдөгү күчтөр жөнүндөгү наристе элестеткен образдар басымдуу орунда турат. Айтмак, кыргыз эл ооз адабиятындагы негизги окуяларда көйкаптагы күчтөр менен болгон күрөш баяндалат.
Кыргыз эл ооз адабиятынан иликтегенде, көйкаптагы (жер астындагы) күчтөр жана алардын образдары төмөнкүдөй болгон.
Дөөлөр
Кыргыздардын мифтик түшүнүгү боюнча, дөөлөр көйкап чөлкөмүн мекендеген адам кебетелүү, бирок тулку бою «тоо десе» эки буттап жылган тоодой бою бар, жалгыз көздүү, же демейдегидей эле бирок бою, туруму опсуз чоң бир макулук экени элестетилет. Дөө «Манас» эпосунда мындай сүрөттөлөт: «жылып жүргөн бир тоо бар, тообу десе дөбөдөй, маңдайынын бырышы, эл жайлоочу төр өңдүү, каш кирпигин караса, карагай токой жер өңдүү, маңдайында жалгыз көз орто толгон көл өңдүү».
Кыргыз эл ооз адабиятында «дөөлөр» Көк дөө, Кара дөө, Ак дөө, Сары дөө деген топторго бөлүнөт. Дөөлөрдүн бардыгы эркек болот экен да, алар жер үстүнө чыгып инсанаттын, көктө перилердин сулууларын ала качып кетет экен. Кыргыз жомокторунда, мифтеринде баяндал ган окуяларга караганда, дөөлөрдүн кээ бирөө инсанат менен достошкон, алар үчүн кызмат кылып, душмандашкан дөөлөргө каршы күрөш жасоодо жардамдашканы баяндалат. Кыргыз мифтик баяндарда дөө менен дөөнүн күрөш жасаганы күч сынашканы болот экен. Алардын күч сынашканы:
- Осурушу болуп, кимдин осурагы канча күндүк жерди каптап, нече күндө арылганына карай күчтүүлүгү белгиленген.
- Биттерин көргөзүү, кимдин бити чоң, аны сыкканда канча шаарды каны каптап кете алат, ошого жараша күчтөрү белгиленген.
- Көккө таш ыргытуу болуп, кайсыл дөө канчалык ташты (аттай, же койдой ташты) көккө ыргытса, канча күндө жерге кайра түшөрүнө карап күчтөрүн белгилешкен).
- Эт жешүү аркылуу сынашып, ким канча даш казандагы нече бодонун этин жеди, анын сөөгүн бүрккөндө канчалык жерди басып калды, ошого карай күчтөрүн чендешкен. Ошондон жеңилгендери өлүмдү мойнуна алышкан.
«Дөөлөр» жөнүндөгү мифтик баяндар кыргыздардын жомокторунда, эпосторунда аябай көп кезигет. Алардын образдары өтө таң каларлуу даражада сүрөттөгөн.
Кыргыздардын мифтик баяндарында, дөөлөрдүн жандары денелеринде эмес чымчыктарда болуп алар башка бир нерселерде сакталары айтылат.
Дөөлөр жаратылышта, чындыкка болгон нерселер эмес, бул тек жоо жактын кароосун наристе элестетүү менен жаралган. Көркөм адабияттык образ болуп эсептелет. Кыргыз эл ооз адабиятындагы дөөлөрдүн образынын жаралышы адабияттык баяндарды ого бетер көркөмдөтүүгө каражат болуп, адамзат өзүнөн ошончо чоң, ошончо күчтүү жоосун жеңе алат деген ишенимди туйгузган. Ушул мааниден караганда кыргыз эл ооз адабиятындагы «Дөөлөр образы» адамдарды күрөшчүл, туушту болууга дүйнөдө жеңе албай турган эч кандай жоо жок экенине бек ишеним байлатууда аябай зор роль аткарып бергенин баамдайбыз.
Кыргыз эпосунда, атап айтсак, «Манас» эпосунда, «Жүйрүн дөө», «Макел дөө» сыяктуу, жүздөгөн дөөлөрдүн, «Эр Төштүк» эпосунда Кара дөө (эр Төштүктүн дос болгон дөөсү) баштаган жер астындагы (Көйкаптагы) дөөлөрдүн уюгу, «Жоодарбешим» эпосундагы «Көк дөө» сыяктуу дөөлөрдүн образдары аябай көркөм берилип, баатырлардын аларды жеңүүдөгү машакаттары көркөм элесте кызыктуу сүрөттөлөт.
Желмогуздар
Кыргыз эл ооз адабиятында желмогуздар «Жез тырмак, Жез кемпир, Мастан кемпир» деген аталыштарда айтылат, желмогуздар мифтик элестетүүлөрдө төмөнкүдөй үч түрдүү айтылат.
Желмогуз кемпир элеси. Чөөрүлүп чыккан, өөрүлүп баскан, оозу мүйүз, көтөнү кийиз, ысык ичип муздак чычкан, суюк ичип коюу чычкан; коко тикен менен соңун аарчыган, жүрөктөй, үйдөй, жүлүндөй түтүн чыгарып олтурган, сокусун минип сок билегин камчыланган кемпир, ал кемпирдин сыйкырлыгы жандан ашкан, келбеттүү жигиттердин жанын, канын алган, инсанатка коркунуч туудурган элес.
Жез тырмак келин элеси. Жез тырмактардын тырмактары учтуу жез, же темир, тумшугу кызыл болот экен да, инсанатка жолукканда, тырмагын, тумшугун далдалап турат имиш. Кыргыздардын мергенчилик уламыштарында, мергендерге «Жез тырмактар» келин кебетесинде жолугуп, мергендердин жанына жакындайт экен. Бирок адис мергендер жез тырмактардын белгилерин таанып, байкас болгон. Кээ бир мергендер өзүнүн жаткан ордуна терек дөңгөч ороп коюп, өзү өңүп жаткан, жез тырмак келип дөңгөчтү атканда тырмактары дөңгөчкө кадалып калат экен да, мерген жез тырмакты сулатып атып салган сыяктуу окуялар жомоктордо баяндалат.
Жети баштуу, жалгыз көздүү желмогуз элеси. Мындай желмогуздар көйкаптан (жер астынан) жер үстүнө чыгып калчу болсо, инсанат менен жан-жаныбарларга кыргынчылык салган. Бул түрүндөгү желмогуздар көбүнчө дөө лөргө тийип, дөө, желмогуз туугандыгы баяндалат. Жети баштуу желмогуздун ар бир башы сайын бирден жаны боло турганы айтылат.
Кыргыз эл ооз адабиятындагы «кереметтүү жөө жомоктордо», баатырлардын жети баштуу желмогузду жоготуп, элин жерин, бир тууганын куткаргандыгы жөнүндөгү окуялар баяндалат.
Демек, желмогуздардын мифтик элеси жогоркулардай сүрөттөлөт. Желмогуздардын эң зор жөндөмү сыйкырлык, кубулмалуулук болуп айтылат. Желмогуздун кубулмалуулук, сыйкырлык жөндөмүн «Эр Төштүк» эпосундагы «желмогуз» кемпирдин Эр Төштүк баатыр менен күрөш жасаган окуяда абдан таамай сүрөттөлгөн.
Кыргыз мифтеринде «Желмогуз» образынын жаралышы, анын наристе элестетилиши адамзат жашоосунда ар кандай каардуу күчтөргө бет орой чыгып, эл, жер кайтаруу үчүн күрөш жасоо ишенимин туугузган.
Ажыдаар
Ажыдаар кыргыз эл ооз адабиятындагы мифтик элес болуп, көйкаптагы «жыландын зору» катары кебетеленип, бир илеп тартса бирден адамды бүкүлү жута турган сойлоочу жоо катары элестеткен.
Ажыдаар көйкаптан жер бетине чыкчу болсо, инсанаттар менен мал-жанга коркунуч, кыргынчылык алып келген.
Ажыдаар жөнүндөгү баян, ажыдаар менен баатырлардын күрөшү кыргыздардын «кереметтүү жөө жомокторунда» кенен сүрөттөлөт. Бир ажыдаарды жоготуу бир өрөөн элин, бир шаар элин азат кылган менен барабар айтылат.
Ажыдаар жаратылышта болгон нерсе эмес, аны мифтик наристе элестетүү аркылуу образ жараткан. Ажыдаарды өлтүрүү, ажыдаарга бет орой барып күрөш жасоо адамдарды туруктуулукка, каармандыкка үндөгөн.
Ажыдаар кээде адамча сүйлөй билген. Ал баатырлар менен шартташканы да баяндалат.
Алпкаракуш жөнүндө
Көйкап чөлкөмүндө жашоочу канаттуудан алпкаракуш элестетилет.
Алпкаракуш аябай зор куш экен да, анын түнөгү чынар терек болот имиш. Алпкаракуш учканда, бороон чыгып, кырдан таштар кулап, абдан сүрдүү болот экен. Ал чынар терекке келип конгондо чынар терек жети ийилип жерге тийип зорго калыбына келет имиш.
Кыргыз эл ооз адабиятында алпкаракуш жөнүндө баяндалган жөө жомоктор (мисалы «таалайлуу бала» жомогу) арбын. Кыргыз эпосторунда алпкаракуш образы көрүнүктүү сүрөттөлөт.
Кыргыз мифтеринде алпкаракуш адамдардын өткөргөн жакшылыгын билип, адамдарды, атап айтканда, баатырлары көйкаптан (жер астынан) жер үстүнө алып чыгып койгондук, камоодо, курчоодо калган баатырлары куткаргандыгы жөнүндө баяндар айтылат.
Алпкаракуш жөнүндөгү мифтик баян «Эр Төштүк» кенже эпосто мындайча айтылат.
Ажыдаардан алпкаракуштун балдарын куткарган жакшылыгы үчүн эр Төштүктү алпкаракуш жер үстүнө алып чыгып коюуга макулдугун берип, алтайлык эт, суу камдап, алты айлык жер үстүнө чыгуу сапарын баштайт. Эр Төштүктү жонуна мингизип, жер үстүнө карай учуу алдында турган алпкаракуш Эр Төштүккө мындай дейт: «Мен оң жагыма кылчайганда оозума эт саласың, сол жагыма кылчайганда суусунума суу бересиң, эгер экөөнүн бирөө кемип калса, сени жер үстүнө алып чыга албай, кайра түшүп кетем, бул эсиңде болсун», – дептир да учуп жөнөптүр.
Эр Төштүк алты айлык сапарында алпкаракуштун айтканындай иштеп баса бериптир. Бирок күнчүлүк жол калганда эт, суу түгөнүп калыптыр. Алпкаракуш оң жагына кылчайган экен, Эр Төштүк берерге эт жок айласыздан өзүнүн эки балтыр этинен оюп алып оозуна салыптыр, суусу түгөнгөн экен, алпкаракуш сол жагына кылчайганда, эр Төштүк көзүн чегип суу чыгарып бериптир. Дагы бир жолу билектин этин оюп сугунтуптур. Ошону менен жер бетине зорго чыгыптыр. Жер бетине чыкканда, алпкаракуш Эр Төштүктүн балтыр эти, билек булчуңдары оюлганын көрүп, адамзаттын достукту абдан санаганына ыраазы болуп, өзүнүн карегинин суусун алып эр Төштүктүн жарасын жууган экен, сопсоо болуп Эр Төштүк ордунан туруптур. Бирок такымы ийри, чыканак алды ийри болуп калыптыр. Мурда адамдар колу-буту жумуру, толук эттүү болчу экен. Ошондон кийин адамдардын такым эти, колунун карысынын эти ийри оюк болуп калыптыр; мурда адамдардын көзүнөн жаш чыкчу эмес экен, ошондон баштап көздөн жаш чыкмай болуп калган имиш. Бул мифтик баян адамзат менен алпкаракуштун мамилеси, ал тургай адамзаттын кээ бир мүчөлөрүнүн түзүлүшү алпкаракуш менен төтө байланышта тотемдик түшүнүктө айтылган, наристе элестетилген көркөм чыгарма болуп эсептелет.
Кыргыз эл ооз адабиятында алпкаракуштун көйкаптагыларга (дөө, желмогуздарга) кызмат кылгандыгы жөнүндө да баяндар айтылат. Алып айтсак, бир адамдын бээси жылда алтын жал-куйруктуу кулун туучу экен. Бирок жылына бир алпкаракуш келип эңип кетчү экен. Көрсө, алпкаракуш кулунду көйкапка алып кетет экен…
Кыргыздардын кереметтүү жомокторунда, мифтеринде алпкаракуш жөнүндө көптөгөн баяндар айтылып, сонун образдар жаратылган. Айтмак, алпкаракуш көйкаптагы башка күчтөргө окшош эле бар болгон нерсе эмес, мифтик наристе элестетүү аркылуу жаралган көркөм адабияттык образ болуп эсептелет.
Албарсты
Албарсты кыргыздардын мифтик элестетүүсүндө бою бокордой, өңү сары, чачы саксайган, эмчеги салбыраган кебетеде айтылат.
Албарсты кыргыз мифтеринде (аңыздарында) кара албарсты, сары албарсты жана сасык албарсты деген топторго бөлүнүп айтылат.
Албарсты жаңы төрөгөн аялдын өпкөсүн сууруп алып, сууга салып жиберсе, төрөгөн аял өлүп кетет имиш.
Албарсты жөнүндөгү мифтик баяндарда албарстыны кармай турган, кууй турган «куугунчу» адамдар болот имиш. Албарстыны бүркүт көрөт экен да көргөн жерден чеңгелдөөгө даяр экен. Ошого, албарсты бүркүттөн да коркот имиш. Албарсты куугунчу кармап алса, андан ант алып каргатып, жамандык жасабастык убадасын алат имиш (өлтүрсө өлбөйт).
Албарсты кармап, аны карганткандыгы жөнүндө мындайча миф айтылат.
Илгери бир куугунчу «камгак күү» болуп кубулуп алган албарстыны көрүп, дароо жетип барып, төбө чачынан кармап, табылга саптуу камчысын кезеп турат:
- Эй, албарсты, эми кутула албайсың, эгер кутулам десең, кубулма дубаңды үйрөт, андан мен турган жерге жолобос үчүн ант бер, – дептир. Албарсты ал шартына көнүп, мындай ант берген экен:
- Алайың – булайың болоюн, Карайың – курайың болоюн. Алдыңан кыя өтпөйүн.
Артыңан кылапат айтпайын.
Кепичиң тиштеп малайың болоюн.
Айланып карасам, аяктай сууга чөгүп өлөйүн.
Чөгөлөбөсөм, чөйчөктөй сууга чөгүп өлөйүн!
Баскан изим аркамда калсын,
Көлөкөм көчүгүмдө калсын,
Көк кежигемдин чуңкурун көрбөй калайын.
Албарстынын дагы бир образы алдамчы экен да, ар кандай нерсени алдайт, азгырат имиш. Жогорку «каргышынан» карасак да алдамчы сөздөрү көрүнүп ашкере айтылып турат.
Албарсты жаратылышта, чындыкта бар нерсе эмес, ал «куугунчу» аттуу сөзгө чечен, чыгармачылык көрөңгөсү бар адамдар жагынан наристе элестетилген адабий образ. Ошол образ аркылуу адамдарды сак болууга, таза болууга чөйрө-айланасына баам коюп жүрүүгө умтулткан көркөм адабият экени көрүнүп турат. Айтмак, албарстынын элестетилип айтылышы жаңы төрөттөн кырсык болуунун себебин көркөм адабиятка көтөрүп түшүндүрүүгө умтулган мифтик наристе баян эсептелет.
Жин жөнүндө
Жин-киши жашабаган ээн жерде, талааларда эски ээн тамдарда, акыр-чикирлүү жерлерде өмүр өткөзүшкөн. Жиндер улоолуу топ-тобу менен түндөсү сапар тартат имиш. Жиндердин өзүнчө ээлери болот дейт.
Жиндер жашаган жерлерге адамдар жолосо, «жин тийип» ар кандай илдеттерге чалдыгат имиш. Жин адамдын денесине ооз аркылуу кирет экен. Ачык турган тамактарга жабышып алат дейт. Оозун ачып, ээн жерде уктаса да жин ооздон адам денесине кирип кетет имиш.
Жиндерди бакшылар гана жөнгө сала алат экен. Жин тийген адамдарды бакшылар көргөндө, өздөрүнүн чымындары (жөндөмү) аркылуу жин ээлерин таптырып, тийген жинди байлатып кетет экен. Жин жөнүндөгү карапайым түшүнүк жогоркудай болуп, адамдарга чалдыга турган илдетти наристе элестетүү аркылуу жин образын жараткан. Тегинде, жин жок нерсе, көөдөк коомдун адамдары кишилерге чалдыккан оору сыркоолордун себептерин биле албаганда, аны чыныгы түшүндүрүүгө дараметтери жетпегенде, мифтик таанымга салып, наристе элестетүү көркөм адабият ыкмасына салып «жин» образын жаратып түшүндүрүүгө аракеттенип, жин жөнүндө уламыш, жомок курап айтышкан. Жин чындыкка коошпогон нерсе, биз аны эл ооз адабиятында наристе элестетилип баяндалган наристе адабият образы деп гана түшүнгөнүбүз жок. Жин жөнүндө айтылган баяндар чындык эмес, биз аны адабияттык наристе чыгармалар деп түшүнсөк оң болот.
Тотемдик мифтер
Жаратылыштагы заттар менен заттар ортосунда, инсанат менен башка жандуулар ортосунда кандайдыр бир тектик, уруктук байланыш бар деген ишеним, же бир заттын, жандардын тукум уругунун ээси, калкалоочусу болот деген ишеним боюнча наристе элестетилип айтылган мифтик баяндар (аңыздар) тотемдик мифтер деп аталат.
Кыргыз мифтеринде тотемдик мифтер өзүнчө бир зор топту түзөт. Бул түрдөгү мифтик баяндар инсанаттын жана ар кайсы уруулардын чыгыш теги тууралуу жана айбандардын, заттардын урук-тукумунун колдоочусу, пири, ээси, айтор баштапкы урук ээси жөнүндө наристе элестетип түшүндүрүүгө умтулган баяндар эсептелет.
Кыргыздардын тотемдик (урук-тукумдук аңыздары) мифтери мазмун жагынан эки топко бөлүнөт. Төмөндө тотемдик мифтер менен таанышалы.
УЛУТ, УРУУ ТАЙПАЛАРДЫН ЧЫГЫШ ТЕГИ ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕРИ
Кыргыз элинин теги жөнүндө эң алгач кагаз бетине түшкөн миф
Биздин эранын 636-жылы Таң Лиң, куделер түзгөн «Жов тарыхы» деген ханзуча (кытайча) тарыхтын 50 түрмөгүндө (тароосунда) кыргыздардын теги жөнүндө мындайча тотемдик миф жазылып калган:
«Түрктөрдүн теги сак элинен болгон имиш, алар хундардын түндүк жагында жашачу экен. Апаңгу заманына келгенде эли ойрондолуп, 17 бала гана соо калган имиш. Ошолордун ичинде бир катындан туулган бала «ижиничту» Саратан атанын кызын алыптыр. Дагы бирөө Аяз атанын кызын алыптыр. Ал жаан жаадырып, шамал чыгара алат экен. Андан төрт уул төрөлүптүр. Ал уулдарынын бирөө аккууга кубулуп кетиптир; бир уулунун эли Абакан суусу менен Кем суусунун аралыгында жашайт экен да, кыргыз аталат экен; дагы бир уулунун эли Чоң Кем суусунун алабында жашап калыптыр; ал эми чоң уулу Баш Кем тоосун ээлеп калган имиш.
Тоо арасында Апаңбу тукумундагылар жашоочу экен. Алар чоң уулуна бийлик берип, түрк деп аташыптыр. Ал мурда Натолуш деп аталчу экен. Ал да он катын алыптыр. Туулган балдарынын баары эне тукумуна уйкаш аталыптыр. Ашнашыр кичи катындан туулган үчүнчү бала экен. Ал терекке жармашып чыгууга кыйын экен да, эң бийикке чыга алат экен. Ошого ал Натолуштун хандык мурасчысы болуп, Ашеншин деп аталыптыр.»
Мамлекетибиздин «25 тарых» китептин бирөө болгон «Жов тарыхындагы» бул тотемдик мифте, кыргыздардын чыгыш теги «Саратан ата» деп аталган «Жай теңиринин» жана «Аяз ата» деп аталган «Кыш теңиринин» «тукумдук» байланышынан дарек берип жатат. Бул мифтик баяндан караганда, бул наристе элестетүү тээ «энелик доор» мезгилинде эле чыккан түрү бар. Андай дештеги себепти «балдары энесине уйкаш аталган» деген сүйлөм менен көрсөтүүгө болот.
Демек, жазма тарыхтагы кыргыздардын теги жөнүндөгү бул тотемдик миф баяны кыргыз мифтеринин эң эртедеги мифтик түшүнүгү, мифтик көркөм баяндалышы болуп эсептелет.
Бугу эне тотеми
Кыргыз элинин бугу уруусунун тукум-теги жөнүндө «Бугу эне, мүйүздүү эне» деген көркөм мифтик баян кыргыз элинде эрте замандан баштап айтылып келет. «Бугу эне» жөнүндөгү бул тотемдик баяндын кыргыз эли ичинде таралышы өтө кеңири болгондуктан, анын түрдүүчө айтылган варианттары да көп болгон. Төмөндө бир түрү менен таанышып көрөлү.
Илгери Карамырза, Асанмырза деген эки бир тууган мергенчи болгон экен. Бир күнү Аламышык тоосуна аңчылап жүрүп, маралдардын бир үйүрүн көрүшөт. Абайлап караса маралдардын арасында бир эркек бала жана кыз аралаш жүргөн экен (жана бир айтылышында, баласын эмизип турган маралды атса, бир аял пайда болуп, «жалгызымды аттың, балаңды атып кал!, ботоңду атып кал!» – деп каргап туруп калат. Ал аялды кармап кетишет). Мергенчилер баланы атып салышат. Иниси өлгөн кыз өрөпкүп аябай ыйлайт. Аларды: «Тукумуң жүзгө жетпесин! Жүзгө жетсе да, күзгө жетпесин!» – деп каргайт.
Кызды айылга алып келип, бир жигитке алып берген экен. Кыздын башында бугунун мүйүзүндөй кичине мүйүзү бар имиш.
Бир күнү баягы эки мерген аңга чыгып кеткенде «Мүйүздүү кыз» «Бүгүн бир балаа бар» деп турат экен. Ал күнү алар жалкы мүйүздүү ак бугуну атып келген экен, ал кыздын бир тууганы имиш. Дагы бир күнү Кермаралды атып келишиптир, анда кыз ошол маралдын эмчегин эмип ыйлаган имиш. Көрсө, ал кыздын энеси экен. Кыз эки мергенди каргаган имиш.
Кийин «Мүйүздүү эне» болуп калат экен. Баягы «Бугу кыз», анын эки күнүсү бар экен, «Мүйүздүү эне» башын жууганда, аларга: «Кир суусун таза жерге төккүлө», деп турчу экен. Бирок алар анын касиетин билип калышып, «Мүйүздүү эненин» чачынын кир суусун ичип, калганын бойлоруна сүрүшүп жүрчү экен. Ошого алардын тукуму көбөйүп кеткен имиш.
«Мүйүздүү эне» өлгөндө сөөгүн муздагыча ак боз үйгө коюп койгон жеринен кайберен болуп кубулуп тоо таянып кеткен имиш.
Азыркы кыргыздардын бугу уруусу ошол «Бугу эненин» тукумдары болгондуктан «Бугу» аталып калган имиш.
Бирок бугуну кыргыз улуту жалпы эле ыйык билүү тээ илгертен келе жаткан жосуну болгон. Көрүстөндөргө бугунун мүйүзүн коюу жакынкы замандын иши эмес. Ошол жайыттарга караганда «Бугу эне» жөнүндөгү тотемдик (тукумдук) баян кийинки эле айтылып калган баян эмес, тээ «энелик доордун» таанымы боюнча, наристе элестетилген көркөм баян десек болот, «Бугу» тотеми кыргыздардын бир гана уруусуна эмес, жалпы баарына орток көрүнүш эсептелет.
Бөрү тотеми
Бөрү тотеми эң байыркы баяндардан болуп, кыргыздарды өз ичине алган түрки элдерине, атап айтканда, «түрк» тукумуна байланыштырып айтылып жүрөт. Бул баян «Жов тарыхында» жазылган. Бирок биз мында тек кыргыздарда айтылып жүргөн түрүн гана тааныштырып өтмөкпүз:
Ал тотемдик баян мындай айтылат:
Илгери бир киши журтта бала эмизип турган бөрүнү көрүптүр. Ал киши жакындап барганда, бөрү төшкө жөлөнүп жөнөптүр. Ал бала кадимкидей эле адамдын баласы экен. Ал киши бу баланы алып кетип, атын «Каба» коюп, багып чоңойтуптур. Кабанын чачы бөрүнүн жалындай типтик турат экен (дагы бир айтымда, Кабанын кыр аркасынан чычаңына чейин жал чыккан имиш), ошого, аны «жалдуу Каба» деп аташып кеткен экен. Ал эми кыргыздардын «Каба» уруусу ошол «жалдуу Кабанын» уруктарынан имиш.
Бул тотемдик баян, тээ илгери «түрк тукумунун бөрү тотемине түспөл айтылган болуп, кыргыздардын да бөрү тотеми илгертен келе жатканын ырастап турат. Бөрүнүн бала эмизип чоңойткондугу жөнүндөгү баянда (кыргыз жомокторунда да кезигет) «Манас» эпосунда Манас баатырдын дагы бир аталышы «Көк жал» болуп айтылат. Ошол сөз бекеринен айтылбастан, кыргыздардын бөрүгө болгон тотемдик таанымынан айтылып калган түрү бар.
Байтерек тотеми
Кыргыздардын Байтерек тотеми башка тарыхчылар жагынан кагаз бетине эртеде түшкөн баян болуп, кыргыздардын кыпчак уруусуна байланыштуу айтылат. Бул баян мындайынча жазылган.
«Огуз намэдагы» «Кыпчак» баяны.
«Огуз хан черүүсүн баштап Эдил суусунун боюна келиптир. Эдил суусу абдан улуу экен, аны көрүп Огуз хан: «Биз суудан кандай өтөбүз», – дептир. Ошондо черүүсүндө бир акылдуу бек бар экен, ал суу боюндагы чер токойдон жыгач кесип, ал жыгачтарды тизип сал жасап, улуу суудан өткөрүптүр. Огуз хан аны көрүп кубанып: «Сен ушул чөлкөмгө бек болуп кал, атың кыпчак болсун» дептир. Ошол «Кыпчак» тукумунан эл куралыптыр. («Огуз намэ»).
17-кылымдагы Орто Азиянын таанымал тарыхчысы Абылгазынын тарыхындагы баянда мындай айтылат:
Огуз хандын черүүсүндө бир бек бар экен, ал согушта өлүптүр, аны менен бирге жүргөн катыны талаада калып, бай теректин көңдөйүндө төрөптүр, аны Огуз ханга айтып барышкан экен, Огуз хан ал балага «Кыпчак» деп ат коюп бериптир», («Түрк санжырасы») жазма бетине түшкөн бир эки баянда, «Кыпчак» уруусунун теги жөнүндө баян айтылып, аны «Байтерек» менен байланыштырат. Бул айтылган эки баян чыныгы тарыхтын өзү эмес, арийне мифтик тааным боюнча элестетилген көркөм баян эсептелет.
ЖАРАТЫЛЫШТАГЫ КУБУЛУШТАРДЫН, АЙБАНАТТАРДЫН ЭЭСИ, ПИРИ ЖӨНҮНДӨГҮ ТОТЕМДИК МИФТЕР
Чилде жөнүндө
Чилде деген каары катуу чал имиш. Анын 20 баласы бар экен. Ал балдарын суук түшүрүүгө жиберет экен. 20 баласынын бирден түшүп, кайра кетиши 40 күндүк убакыт болот имиш. Ошого чилде 40 күндүк болуп калган экен.
Чилде балдарынын суук түшүрүү абалын көзөмөлдөп турат экен. Улам кийин жөнөгөн балдарына «Балам акелериң жооштук кылды, бошоңдук кылды, сен андан да катуурак суук түшүр»! – деп кейип, мурдагыларынын суук түшүргөнүнө канбай турат экен.
Чилденин 20-уулунун аты Кырдач экен. Мурдагы 19 уулунун түшүргөн суугуна ыраазы болбогон Чилде, Кырдач уулуна кыйкырып: «Алдыңда агаларың бошоңдук кылды! Боз улан богоктуу калды: Кыз балдар эмчектүү калды: Боз токту куйруктуу калды: Кысырет жалдуу калды. Кырдач, балам камчылан! Каар менен камчылан! Суукту чыңдап түшүр!» – дейт экен. Анда кара мүртөз Кырдач чыңалып суук түшүрүп, абдан кайраттанат экен. Ошого Чилденин чыгаары катаң болот имиш.
Аяз ата жөнүндө
Аяз ата сууктун ээси, суук түшүрүүчү «кырк чилденин» атасы болот имиш. «Кырк чилде» кырк жигит экен да, алар жер бетиндеги жан-жаныбарлардын майын шылып, соруп турат экен.
Кырк чилде муздун астын үй кылып олтурат экен. Ошого муздун үй сыңары дөмпөйүп чыккан жерин «чилденин үйү» деп атайт. Үшүбөгөн кишини «чилденин майын жедиңби?» – дейт. Чилделер ошол муз үйүнө май сактап, Аяз атага берет экен.
Аяз атанын кырк чилдеси кыштын күнү талаада түнөп калган өгүздүн майын шымалап алгандыгы жөнүндө мындай мифтик баян айтылат:
«Бир абышка «өлүмтүгүмө кереги тиер» деп, жалгыз өгүзүн жайындасы жакшылап семиртип алган экен. Кыш түшөөрү менен эле тамынан чыгарбай байлап багыптыр. Бир күнү семиз өгүзүн сугарганы бара жатканда оюн салып, абышканын колунан чыгып кетет. Кантсе да кармай албай коёт. Ошол чилденин мезгили экен. Талаада жүргөн семиз өгүздү түндөсү «кырк чилде» шымаланган жигиттер кармаптыр да, муздун астындагы үйлөрүнө алып кирип союп, майларын шымалай (шимирип) баштаптыр. Чоң өгүздүн майларын шымалап бүткөнчө, таң атайын деп калыптыр. Кырк чилде ашыгып өгүздүн мүчөлөрүн кайра кураштыра баштаптыр. Кураштырып бүткөндө өгүздүн бир сүбөө кабыргасынын сөөгү жок чыгыптыр. Аны издеп таба алышпаганда, шилбиден сүбөө сөөк жасап сала коюптур да, өгүздү тартайтып, бир сөөк, бир тери боюнча талаага коё бериптир. Таң саар менен өгүз каңкайып абышканын эшигинин алдында туруп калыптыр. Ошол бойдон абышка кайра канчалап бакканына болбой, өгүз көтөрүм болуп өлгөн экен. Абышка терисин сыйрып жатып, өгүздүн бир сүбөөсү шилбиден жасалганып көрүптүр.»
Демек Аяз атанын балдары кырк чилде кыштын күнү жан-жаныбарлардын майын шымалайт (арыктатат), май чогултат, деген тааным болгон. Ошондон улам ушул сыңары жомоктор айтылып, ошол ишеним боюнча, кыргыздар кыштын күнү чилдеде малды талаага түнөтпөйт. Чилдеде ар кандай мал короосуна түнөп калса, аны айдап чыкпайт.
Жогорку «чилде жана аяз ата» жөнүндө айтылган эки баянда, «чилде» мезгилдин ээси, атасы бар экени айтылып, тотемдик (урук-тукумдук) байланыш баяндалып турат. Бул баяндар, жаратылыштын төрт мезгилин баамдап, анын себептерин наристе элестетүү менен түшүндүрүп жаткан мифтик көркөм адабият болуп эсептелет. Мында чилде менен аяз атанын «сууктун ээси, пири» деген элестетме образ жаралган. Аны баштапкы коом адамдары чындык катары кабыл алып, чын бүтүшкөн, ошого, ал бүгүнгө чейин уламадан уланып айтылып жүрөт.
Дөөтү уста жөнүндө
Дөөтү – өнөрдүн ээси, темирчилик, зергерчиликтин пири болот имиш. Дөөтү кыпкызыл ысык темирди кармаса да колу күйбөйт экен да, темирди камырдай жууруйт экен.
Дөөтү устанын өнөрүнө, чеберлигине куш баатыры ителгинин арданып ыйлап жүргөндүгү жөнүндө мындай мифтик баян айтылат:
«Бир күнү, Дөөтү устага ителги келип: «Сиз менен мелдешейин дедим эле, эгерим, мен тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага алтын текөөр салып бересизби?» деген экен. Анда Дөөтү уста «кой» десе болбой, ителги асманга атырылып чыгып, типтик куушурулуп келип, тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга көкөлөп чыгып кетет.
Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче тегирмен ташка кадоо салып, тегирменди жүргүзө койгон экен. Ителги чуркап турган ташты кылчайып көрүп, Дөөтүнүн амалына, усталыгына тан берип, ызасынан ыйлаган бойдон кеткен экен. Дөөтү уста ителгинин балбандыгына тан берип, эгерим, ителги кайра кайрылып келип калчу болсо, алтын текөөр салып берер элем деп, ошол күндөн ушул күнгө күтүп жүрөр имиш.»
Дөөтү уста өнөрдүн атасы, усталыктын пири катарында элестетилип, наристе көркөм образ жаратылгандыктан, кыргыздардын тотемдик (тукум уруктук) мифтерине кирет.
Дөөтү устага сыйынуу, аны пир тутуу азыркы усталарга чейин уланып келген.
Коросон ата жөнүндө
Коросон ата – элчиликтин, оору-сыркоонун пири, ээси болот имиш.
Коросон атанын билбеген оору-сыркоосу жок болот экен. Коросон атанын колу тийип эле кетсе адам, айбан, жаныбарлардын дени тазарат имиш.
Коросон ата кийинки доорлордо «Улукман ата» деген аталышта да айтылып калды. Бирок мифтик наристе элестетүүдөгү образда экөөнүн аткарган ролдору, милдети бирдей баяндалат.
Кыргыз мифтеринде «Коросон атанын» сөздөрү анын элчиликтеги элеси абдан ырааттуу айтылат. Кыргыздардын «элчилик ырларында» Коросон ата жана анын сөздөрү кенен берилген.
Кайберендин ээси жөнүндө
Кайберендер ээси үңкүрдү үй кылып олтурган Ак байбиче кебетесинде баяндалат.
Кайберендин ээси жөнүндө мындайча элестеме баян айтылат:
«Илгери бир мергенчи бир улактуу кийикти аткан экен, ал жарадар болуп качат. Мерген кайра атайын десе, огу түгөнүп калып, жарадар кийиктин артынан кууп жөнөйт. Жарадар кийик качып жүрүп отуруп бир үңкүргө кирип кетет. Мерген артынан кирейин деп үңкүрдүн оозуна барганда, үңкүрдөн: «Алда, балаңды аткыр ай!» – деп адамча сүйлөгөн үн чыгат. Мерген кирип барса, бир карган ак чач байбиче экен. Мергенге туякка айран куюп берип: «Балам, мындан ары балалуу кайберенди атпай жүр!» – деп узатып жибериптир. Көрсө кемпир кайберендин ээси экен. Мерген бая кыл туяктагы айранды канча ичсе да түгөтө албаптыр, курсагы абдан тоюптур».
Бул баян кайберендин ээси – калкалоочусу, жөнүндө наристе элестетилген. Тотемдик көркөм адабият болуп эсептелет.
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө кайберендердин
(кийик, аркар, кулжа, бөкөн ж. б.) ээси, сактоочусу, көбөйтүүчүсү болот деп каралган. Эгер кайберендерди опсуз кыруучу болсо, аны тукум курут кылууну көздөгөндөр болсо, кайберендин ээси жазалайт экен. Мергендер аңчылык кылганда кайберен ээсинин мыйзамына моюн сунган, алып айтсак, кайберендерди опсуз кырбоо, ажатына ылайык бир жолу бир-экини гана атуу; кайберен төлдөгөн мезгилде энесин же баласын атпоо; бооз кайберенди атпоо, кайберен чуркаганда (киргенде) ата малын атпоо; кайберенди тирүүлөй кыйнабоо сыяктуу тартиптерди мыйзам тутунган. Бул мыйзамдарда «кайберендин ээси болот» деген түшүнүк боюнча элестетилген образга чын бүтүүчүлүктөн болгону белгилүү. Мергендер, эгер жогорку мыйзам тартиптерге кайчылык иштесе, кайберендин ээси өзүнүн урпактарын сактоо, коргоого милдеттүү экен да, мергенди жазалайт экен.
Кайберен ээси мергенди жазалоо, каргоодон мурда, ага эскертме белги берет имиш. Ал белгисинин бирөө «оңко туруу» экен. «Оңко тургузуу» эскертмеси бир мерген өмүрүндө аткан кайберени миң башка жеткенде, ошол миңинчи кайберенди атканда «адамча өйдө тура калат экен», ошондо мерген кайберендин ээсинин эскертүүсүнө тил алып, экинчи аңга чыкпоосу керек экен. Экинчи эскертүү белгиси, кайберендин бирөөн адамча сүйлөтүү же кайберенге мергенди ээрчитип келип, өзү көзүнө көрүнүп эскертүү насаат айтат экен. Ага да болбой, тил албай, кайберендерди кыруу ниетинен кайтпаса, кайберен ээси мергенди жазалап, каргап, мертинткен же күлпөттү башына салган.
Кайберендин ээси «мергенди жазалоо» жөнүндө кыргыз эл ооз адабиятында «Кожожаш», «Карагул ботом» сыяктуу мифтик дастандар жаралган. Кайберендердин ээси жөнүндө тотемдик жомоктор айтылат.
Кайберендин ээси кайберен тукумунун коргоочусу, калкалоочусу катары элестетилген, кайберен жандуулар менен адам кебетелүү (Ак байбиче) кайберен ээсинин тукум уруктук (тотемдик) байланышы элестетилгендиктен, кайберен ээси жөнүндөгү баян кыргыздардын тотемдик мифтерине (аңыздарына) кирет деп айтууга болот. «Кайберен ээси» кайберендерди мергендерден гана сактап калбай, кайберендерди төлдөтүүдөгү куут, туут иштерин ар мезгилге жайгаштырган. Кайберендерди ооруилдеттеринен тазарткан. Колу-буту сынган, жараланган кайберендерди күтүп дарылап сакайткандыгы жөнүндө мифтик наристе элестетилген баяндар кыргыздардын жомокторунда керемет айтылат. Ал тургай кээ бир мергендер чидер салган, аркандап койгон кайберендерди көргөн, аларды кайберендердин ээси ошенткен имиш.
Баба дыйкан жөнүндө
Баба дыйкан эгиндин, дандын ээси, калкалоочусу экен. Ал мифтик элестетүүдө «Боз кептер» образында баяндалат. Баба дыйкан үрөндүн өнүшү эгинге илдет аралабоосун, данга береке берүүсүн калкалап сактап турат имиш.
Кыргыздар дандын берекеттүү болушун баба дыйкандан күтүп, биринчи кызылды сузарда аны дөбөдөй кылып үйүп, кой союп, кызылдын үстүнө кан чачып баба дыйкандын жолун жолдойт. Кызылды, үймөгү менен түнөтүп, баба дыйкан боз кептер болуп учуп келип, үймөккө конушун күтөт. Боз кептер келип, кызылга конуп кетчү болсо данга берекет берет имиш.
Баба дыйкандан үрөн сепкенде, орок оргондо, дан сузарда тилек тилөө, андан берекет күтүү кыргыздардын эмгек ырларында, ырым ырларында көптөп кезигет.
Дан сузарда кыргыздарда дагы бир жосун калыпташкан болуп, «Ак куланын акы үчүн» элден мурда бир күрөк сузуп алып коёт экен. Мында бир нерсеге кайрыла кетүүгө туура келет. «Ак кула» Манас атанын аты, аны тай кезинде Манас эккен буудайга теңешип (алмашылып) келген. Кайыптан бүткөн кулун эле. Бул жерде Баба дыйкандан берекет күтүү, Ак кулага «кепсен» алып коюу кандайдыр бир желенин эки көзүндөй көрүнүп турат.
Кыргызда үрөн сепкенде «менин колум эмес, бабадыйкандын колу», – деп себет. Орок салганда, же кырман салганда «баба-дыйкан берекесин бер» деп тилек кылат. Булардын бардыгы эгиндин, дандын ээси, аны калкалоочу коргоочу атасы болот деген түшүнүк боюнча элестетилген Баба-дыйкан образы болуп эсептелет.
Баба-дыйкан образы эгинди, данды өздөштүргөн, жапайылыктан жайдарылаштырып эккен Баба-дыйкандын мифтик элестетилиши болсо керек.
Камбар ата жөнүндө
Камбар ата жылкынын ээси, жылкынын колдоочу, калкалоочу бабасы имиш. Камбар ата жылкыны илдеттен тазартып, апааттан тукумун калкалап өнүгүп-өсүшүн колдоп жүрөт экен.
Камбар ата кайыптан буудандарды төлдөтүп, Манастын Ак куласы сыяктуу касиеттүү аттарды жетиштирүүдө зор колдоочу болгондугу кыргыз эл ооз адабиятында көптөп баяндалат. Камбар атанын кайыптан бүткөн аттары адам катары сүйлөй алат, кеменгер катары ээсине акыл-кеңеш берет. Камбар ата жылкынын тотемдик (тукум уруктук) элестетилген образы болуп, жылкы тукумун Камбар атадан чыккан, тукум уругун Камбар ата сактап, калкалап жүрөт деген түшүнүккө бүтүүдөн Камбар атанын образы элестетилип айтылып калган.
Ойсул ата жөнүндө
Ойсул ата – төөнүн ээси, төөнүн түпкү бабасы экен. Ал төөлөрдү илдеттен тазартып, тукум уругунун өнүгүпөсүшүн калкалап, коргойт имиш.
Төөнүн зору «лөк», жалкы өркөчтүү, жону туташы «нар» деп аталган.
Кыргыз эл ооз адабиятында касиеттүү кайыптан бүткөн «Манас» эпосундагы «Кара нар» жана башка жомокторундагы «Жез каймал, куу инген» сыяктуулардын мифтик түшүнүктөгү (адамча касиеттештирилген) элестүү образдары жаралган.
Чолпон ата жөнүндө
Чолпон Ата – койдун ээси, анын тукум уругунун өркүндөп өсүшүнүн калкалоочусу экен. Чолпон Ата кой ээси деген ишеним, түшүнүк болуп, койлорго илдет жармашканда, кой төлдөгөндө «Чолпон Ата колдо!» деген касиеттүү сөздөр айтылат. Бирок эл ооз адабиятында Чолпон Атанын образы, ал жөнүндө баяндар анчейин көп эместир. Дагы бир айтылыштарда «Чолпон Ата» койду биринчи колго үйрөткөн, анын тукумун өндүргөн адам деп айтылат.
Чычаң ата жөнүндө
Чычаң ата – эчкинин ээси, аны калкалоочу, сактоочу, өнүктүрүүчү атасы экен. Чычаң ата жөнүндө төмөнкүдөй эки аңыз айтылат.
- Илгери жалаң эле кой болчу экен. Ал эми, Муса пайгамбардын ырыскысына атайын чычаңдуу кой туулуп, «Чычаң ата» аталып, анын тукумдары эчки болуп калган имиш.
- Чычаң ата баласыз киши экен. Бала деп зарлап жүрсө, катыны кишиге окшош чанач төрөптүр. Ал чоңойгондо (торолгондо) адам кейпине кирген менен чычаң өсүп чыккан экен, ошого Чычаң ата аталып калыптыр.
Чычаң ата тотемдик түшүнүктө эчкинин ээси, пири катары элестетилет. Бирок эл ооз адабиятында анын образы, баяны көп айтылып калганы жөнүндө колдо материал жок.
Зеңги баба жөнүндө
Зеңги баба – уй затынын (топоз, аргын) ээси, аны сактоочу, калкалоочусу болот имиш.
Кыргыздардын тотемдик түшүнүгү боюнча элестетилген Зеңги баба образы кыргыз эл ооз адабиятында абдан сейрек баяндалган. Бирок Зеңги баба уй затын колдойт, аны түрдүү кырсыктардан сактап, тукумун улантат деген ишеним ушул күнгө чейин уланып жеткен.
Буудайык жөнүндө
Буудайык – канаттуулардын ээси, пири, төрөсү болот экен.
Буудайыктын кебетеси, түсүн мифтик элестетүүдө төмөнкүдөй баяндайт.
– Буудайык – көзү чекир, жүнү чаар, үнү заар, текөөрү болот, жем басары жез, чалгыны бычак, куйругу кучак, манжалары адамдыкы сыңары беш, тулку бою башка канаттуулардан бөтөнчө канаттуу экен.
Буудайык жөнүндө кыргыз эл ооз адабиятында кеңири айтылат. Канаттуулардын ээси болуп да, төрөсү катарындагы тотемдик элестетилген образдар кыргыз мифтеринде, уламыштарында бир кыйла кенен сүрөттөлгөн.
Куш төрөсү буудайыктын мифтик элеси, жаратылыштагы образы «Буудайык» дастанында эң сонун жаралган. Буудайык канаттуулардын төрөсү болгондуктан, абдан ыйык жандар катары образ жаратылган. Аны кармоого таптоого аракет жасагандар бүт эле өз башынын өлүмүн өзү анык көргөн. Буудайык баяны, образы (Кожожаш) дастанындагы Сур эчки катарында турса, Кара төлөк саятчы Кожожаш мерген катары Буудайыктан жазасын тартат.
Буудайык башка жан-жаныбарлардын ээси, пири сыяктуу эле жаратылышта болгон жандар эмес, тотемдик тааным боюнча элестетилген адабий көркөм образ эсептелет.
Кумайык жөнүндө
Кумайык «Балта жутар» куштан туулат имиш. Ал куш алты белес ачкайкыга барып тууйт экен да, туулган баласы үч күн күчүк болуп кыңшылап жатар имиш. Ал эми, ошол күчүк маалында таап алып, табы менен бакса, Кумайык болот экен. Үч күндөн өтсө «балта жутар» куш болуп учуп кете берет дейт.
Кумайык жөнүндө айтылган уламыш ушул. Бирок кыргыз эл ооз адабиятында Кумайык «ит төрөсү» иттердин урук-тукумун калкалоочу ээси катарында элестетилип, ыйык заттар катарында образ жараткан. Кумайык бардык элеттерде боло турган касиет адамдарга жакын, адамдарды жырткычтардан коргоого кол кабыш эткен, мисалы: көйкаптан желмогуз жер бетине чыкчу болсо, аралыгы жети күнчүлүк жеринен Кумайык билип үрүп чыккан. Кадыресе желмогузга тиш салган. Желмогуз Кумайык ит бар үйгө бет бага албаган. Мындай образ кыргыздардын «кереметтүү жөө жомокторунда» кеңири баяндалат.
«Манас» эпосунда Кумайык Манасты колдоочу касиеттүү айбандардын бирөө катары, Манасты ээрчип аны колдоп жүрөт, Манас өлгөндө Кумайык да кайып болуп кетет. Кийин Семетей эр жеткенде Кумайык кайра пайда болот.
Демек, кыргыз эл ооз адабиятында, Кумайык – ит төрөсү, алдына эч нерсе чыкпаган алгыр тайган, адамзатты табияттан тышкаркы коркунучтуу күчтөрдөн кайтарган, коргогон образ элестетилет.
ЭКИНЧИ БАП
ЗАТТАРДЫН, НЕРСЕЛЕРДИН АТАЛЫП, АЙТЫЛЫП КАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ УЛАМЫШТАР
Уламыштар
Заттарды, нерселерди таанууда, кандайдыр тарыхтагы бир окуянын нугун кууп, наристе элестетүү менен баяндап, улам кийинкилерге улантылып айтылып калган кыска, көркөм баяндар уламыштар деп аталат.
Уламыш деген сөз азыркы кыргыз тилинде ханзучадагы, уйгурчадагы «Ривайет» деген түшүнүккө колдонулат.
Уламыштар кыргыз эл ооз адабиятындагы эң эрте жаралган жанрдын бирөө болуп эсептелет. Ошого кыргыз уламыштары кыргыз эл ооз адабиятынын негиздерине жатат. Уламыштар тарыхтын улуу жүрүшүндө жаралган табылга, бирок уламыш тарыхтын өзү эмес белгилүү бир тарыхтын элеси уланып айтылып калган, тарыхтагы бир белги же заттарды таанууда көркөм иштелип чыккан адабият жанры эсептелет.
Кыргыздардын баштапкы уламышы эрте эле калыптанган. Кыргыз адабиятында белгилүү орун ээлеген жанр болуп, кыргыздардын заттарды, дүйнө кубулуштарын таануудагы түшүнүгүн чагылдырып турат.
Кыргыздардын баштапкы уламыштарында баяндалган мазмун, жер-суунун, жан-жаныбарлардын табияттагы заттардын аталып калышы, анын атына карай элестетилип чечмелөөгө аракет жасалган көркөм баян эсептелет. Кыргыз уламыштары кыргыздардын тарыхын, тилин, заттарды таануудагы түшүнүгүн изилдөөгө карата белгилүү материал болуп келет. Себеби кыргыз уламыштары атайын тарыхты баян кылбаганы менен ал белгилүү бир тарыхый окуя негизинен улам көркөмдөлүп иштелип чыккан болот.
Баштапкы кыргыз уламыштары кыргыз мифтерине жакын заттарды таануу, тарыхтагы белгилүү окуялыктарды, тарыхый адамдарды баяндоодо мифтик көркөм каражаттар, апыртууларды, өзүнө сиңирип келген. Баштапкы кыргыз уламыштарда мифтик санаа кандайдыр бир деңгээлде алып жүрүлгөнүн баяндай алат. Бирок кыргыз мифтери менен уламыштары өздөрүнүн баян-мазмунун айтылуу ыкмасы жактардан өз алдынча айырмалыктарга ээ, бул экөөнүн чоң айырмалыгы, миф эч кандай чындыкка жакын келбеген көркөм элестетүү наристе түшүн үктөрдүн баяны болсо, баштапкы уламыштар кандайдыр бир тарыхтын томун такоор кылып уланып, ошол тарыхта же кичине, же чоң болуп, өткөн окуянын мифтик, апыртмалуулук каражаттар менен көркөмдөп көтөрүп айтылган баян эсептелет.
Кыргыздардын баштапкы уламыштары баян-мазмунуна карай, тарыхтагы заттардын аталып калышы жөнүндөгү уламыштар, турмуштук уламыштар, баатырлык уламыштар, комуз күүлөрүнүн чыгышы жөнүндөгү уламыштар болуп бир нече топторго бөлүнөт. Төмөндө айрым-айрым токтолобуз.
Кыргыз улут атынын аталышы жөнүндөгү уламыштар
Кыргыз улут атынын аталышы жөнүндөгү уламыштар кыргыздар ичинде эң кең таралган, эртеден айтылып келе жаткан уламыштар эсептелет. Алар төмөнкүдөй:
«Кырк жүз» уламышы. Бул уламышта кыргыздар кырк уруу элден куралган экен, алардын жалпы саны 40 жүз эл болгондуктан, «Кырк жүз» эл деп аталыптыр, ал сөз кийин кыскарып барып «Кыргыз» болуп айтылып калган деген мазмунда айтылат.
«Кырогуз» уламышы. Илгери кыргыздын түпкү бабасы Каракан деген болгон экен, андан Огузкан деген уул төрөлүп, андан 24 бала болуптур, бул 24 бала ойноп жүрсө бир көк бөрү пайда болуптур, аны өлтүрмөк болушса, ал бөрү туюп калып, Теңирге жалынып, асмандан катуу жаан жаадырып, топон-суу балаасын келтириптир. Ошол 24 баладан жалгыз бирөө тоого качып кутулуптур. Огузкандан калган ошол бир бала «Кырогуз» аталып кетиптир да, ал сөз кийин кыргыз болуп айтылып калыптыр.
«Кыркез» уламышы. Кыргыздын түпкү бабасы түрк экен. Андан бир нече бала төрөлүптүр. Бир баласы чечек оорусуна чалдыгыптыр, аны бир ээн жерге алып барып салган экен, ал кайыптын кызы менен той жасап, бир балалуу болуптур, ал баласына «Кыр кезип жүргөн кезде төрөлдүң» деп «Кыркез» деп ат коюптур. Ошол «Кыркездин» тукум уругу тез эле көбөйүп бир эл болуп чыккан экен. Кийинчерээк ал эл «кыргыз» аталып калыптыр.
«Кырк кыз» уламышы. Бир заманда ханзу (кытай) райондорунан түндүк тарапка кырк ханзу барып, ошол жерде жашаган ууз (огуз) элинин жигиттери менен той жасаган. Ошолордон тараган урпактар «кырк уз» же «кырк кыз» болуп аталган, ал аталма кийинчерээк «кыргыз» болуп айтылып кеткендиги айтылат. Бул уламыш «йуан тарыхы» жувурапиялык (географиялык) маалыматтарда жазылып калган.
Жер-суу аттары жөнүндөгү уламыштар
Кыргыз уламыштарында жер-суу аттарынын аталып калышы жөнүндөгү уламыштар басымдуу орунду ээлейт. Төмөндө бир нечеси менен гана тааныштырабыз.
Биринчи, «Ээнсай», «Энесай» өрөөнүнүн аталышы жөнүндөгү уламыш. Түрктүн чечек оорусуна чалдыккан баласын алып барган жер Ээнсай деген экен, ошол жерде «кыркез» уулу төрөлүп, ошондон кыргыз эли куралып, Ээнсайды ээлеп калган экен. Кыргыздар аны ошол эле ээндигине карай атап калыптыр. Же кыргыздарды ошол жерде өстүрүп өндүргөн «Эне-сай» деп аталып калган экен деген уламыш бар.
Экинчи, «Кем дарыясы» жөнүндөгү уламышта мындай айтылат. Илгери адамзат Кем аттуу дарыянын жээгинде жашаган экен. Бул дарыянын эки жээгиндеги топуракты нымдап сугарып, адамдарды баккан экен да, адамзат байып сайрандап кеткен экен. Бул дарыянын эки жээгиндеги топурак адамдардын тагдыры менен байланыштуу айтылат. Ошого кыргыздар сууну аздектеп, өмүрдүн булагы деп санайт. Кыргыздын «Тоо атасы, суу энеси» деп түшүнүлгөн. Бул Кем дарыясы жөнүндөгү уламыш. Энесайдагы «Кем – кемжит» дарыясына байланыштуу айтылган болсо керек.
Үчүнчү, «Манас шаары» жөнүндө мындай уламыш айтылат:
Манас баатыр Айжаңжүңдү жеңип, ошол жерге бир шаар салдырган экен. Анын атын кийинки адамдар «Манас» атап кеткен экен. Ошол шаарга жакын бир жерге Манас баатыр Кутунайды бий кылып бекиткен экен, ал жер «Кутубий» аталып калыптыр.
Төртүнчү, «Келин таш» уламышы.
«Келин таш» уламышы азыркы Актоонун Ойтоо Базарат, Атойноок кыштагында, Музтоо этегиндеги «Баңбаш» жайлоосундагы бир кыраңда баласын көтөрүп турган келин кебетелүү бир таш бар. Ошол Келин таш деп аталат. Ошол «Келин таш» жөнүндө мындай уламыш айтылып келет:
Илгери бир күпүрчүлүк (кесирчилик) заман болуптур; токчулуктан аялдар боюн сүт менен жууйт экен, бетин агартабыз деп жуурат шыбайт экен. Балдарынын көчүгүн жупка менен аарчып ыргыта турган жорук жок эмес экен. Мына мындай жорукту эл «кесир заман» деп атап коюптур. Мына ошол кесир заманды тоолор көтөрүп тура албай, тоолор бири-бирине күңгүрөнүп доош чыгарыптыр: «Сен көч, сен көчпөсөң, мен көчөм» – деп, ал доошту кесир замандын адамдары даана уккан болсо да, кенебей жата бериптир.
Үч күндөн кийин тоо менен тоо, муз менен муз жөөлөшүп көчө баштаптыр. «Ой-тоо жактагы Арпа оозу тоосу, Туура бөлүш, Түп» деген үч муз тоо; Атойноок жактагы «Кичикчи, Абачы, Ак жал», бул үчөө, Музтоо менен жөөлөшүп, жол талаша көчкөн экен. Ойтоо жактан кулаган таштар «Ак жал, Келин таш» жактарга кулаптыр, буяктан кулаган таштар «Муз тоо, Туура бөлүш, Түпкө» көздөй кулаптыр. Ошентип тоо менен тоонун көчкөндөгү жөөлөшүү үч жылга созулуп барып токтоптур, мурдагы жайкалган көк шибер, чатыраган көк төрлөр, таштар менен корумдалып калыптыр да, жер тарып, кесирлүү элден ак, адил жүргөндөрү калып, калгандары ошол «топон балаага» кеткен экен.
Ошол аман калгандардын айтмат уруусунун бирөөнөн туулган кызга «Ак даркан» деп ат коюп, бүткүл канаттуунун тилин билсин деп «Кузгундун тили» оозантыптыр да, элге балаа кырсык келсе, алдын айтып турар деген максатта атайын ал кызды асырап багыптыр. Ак даркан да эл талабынан чыгып, учар куштун тилин билген акылман, сулуу кыз болуп бойго жетиптир. Ошого аны «Ак даркан сулуу» деп аташчу болуптур.
Ак даркан сулуу көлдөн суу алып жатса, бир кузгун «ушул элге жоо келе жатат» деп айтыптыр. Кузгундан укканын түшү кылып эл аксакалдарына айтат экен. Эл жоого камданыптыр. Эр бүлөлөр жоонун жолун торошуп туруптур, аялдар менен балдар Музтоо этегине барып үңкүрлөргө пааналап калышыптыр. Эл жоо менен таймашып жеңгени болгондо ок-дарысы түгөнүп соңунда эрлер жоо колунан кырылат. Жоолор аялдарды олжологону жапырылып кирет. Аялдар да кыраңдардан таш кулатып, жоого кол кайтарат. Бирок жоо жоолугун көрсөтүп кармаганы киргенде аялдар, балдар зарлашып, жаратканга жалбарып: «жоонун колуна түшкүчө, ташка айландыра көр!» деген экен. Алардын баары Музтоо этегинде ташка айланып калган экен. Азыр ошол жерлерде «Апалар», «Келин таш» деп атала турган жерлер бар. Ошол ташка айланган апалар жана келиндер имиш.
Бул уламыш Кезден баштаган Сарыкол өрөөнүнүн капчыгайын элестетип айтылган мифтик көркөм чыгарма, ошол капчыгай (Кездин капчыгайы) абдан тар болуп, эки тоо бирин-бири жөөлөп тургандай элес бар. Алардан кулаган таштар Сары-колго баруучу Кездин капчыгайында корумдалып, как эле жогорку уламышта айтылган элестер көз алдыга келет.
«Карымбайды соргон жер» дегендин уламышы
Илгери Карымбай деген чоң бай болгон экен. Малынын көптүгүн айтканда, бардык малын бир дарыяга сугарганда ал дарыя соолуп калчу экен. Ал эми Карымбай абдан бакыл бай экен. Адамдарга кайрымы жок, өлгөн малынын этин жеп, жетим-жесир, жардыларга кенедей жардамы тийбептир. Теңир Карымбайдын ал кылыктарын эскертип, кайрымдуу болууга үндөгөн экен. Карымбай ага кулак какпаптыр. Жараткандын ачуусу келип, кара жерге «тарт» деп буюруган экен. Кара жер соруп Карымбайдын кекиртегине чейин алып келип токтотуптур. Жараткан «жетим-жесир, жардыга кайрым көрсөтөсүңбү?» деп сураганда да макул болбоптур. Кара жер Карымбайды биротоло соруп кетиптир. Анын малы кийикке, кою аркарга, эчкиси тоо эчкиге, ую бугуга, жылкысы жапайы жылкыга, эшеги куланга айланып кетиптир. Кийиздери жалпак таш, жууркандары жыйылуу боюнча ташка айланып калган. Карымбайды жер соргон жер ошол ат боюнча аталып калган имиш.
Бул мифтик уламыш, кыргыз уламыштарынын эң алгачкысы болуп, Карымбай деген бакыл байдын жоругун мифтик көркөм элеске көтөрүп баяндаган. Ал эми жердеги адамга жана башкаларга окшош таштардын кебетелерине карай, адамдардын көркөмдөп айтылып чыккан, ошол кебетеге карай курап айткан көркөм уламышы болуп эсептелет, бул жерге ат коюудан мурда ушул уламыш жаралып, эл-жердин атын ошол уламыш боюнча атап калган түрү бар. Кыргыздарда тоо-таштардагы адам сымал таштарга карай, көркөм уламыш жасап, анан ал жерге ат коюу адаты кең тараган. Мисалы, «Күйөө таш» деген бир жайлоонун аты, «Келин таш» деген бир тоонун аты жана башка ушуга окшогон жерлердин аттары көп аталат. Алардын баарында көркөм элестүү уламыш айтылып, мурда адамзат болгону, кийин түрдүү себептер менен ташка айланып, анан ошол жер ошондой аталып калгандыгы жөнүндө уламыштар жаралган.
Жан жаныбарлардын аталышы, айтылып калышы жөнүндөгү уламыштар
Бул топтогу уламыштарга жан-жаныбарлардын аталып, айтылып калышын тематика кылынган мазмундагы уламыштар кирет. Бул түрдөгү уламыштар табияттагы жандуулардын кейпи, туругун, алардын жашоо жагдайын анын аталып калышына байланыштырып көркөм баяндап, заттардын жай, жагдайы, жөндөмүн, жашоо мыйзамын билүүгө тереңдетилген. Бул топтогу уламыштар көбүнчө мифтик каражаттар менен жабдыганы, бир кыйла эртеде жаралганы байкалат. Төмөндө бир нечеси менен тааныштырып өтөлү.
Көк жорунун «балта жутар» аталышы жөнүндө уламыш
Илгери бир заманда Чомотой аттуу саятчы (мүнүшкөр) болуп, ал бардык куштардын тилин билчү экен. Бир күнү үйүнүн жанында дөңдө отурса, бир көк жору учуп келип, Чомотой саятчыга салам берип, андан соң саятчыга катуу таарыныч айтып: «Мен бардык куштун чоңу, зору, төрөсү болом, анын үстүнө сакалдуумун, жүндөрүм да буудайыктыкындай чаар, таз жорудай тарп аңдып, сасыган эт жебеймин, тишиме, тамагыма жумшак деп сөөк жеймин, адамзатка бир гана таарынычым мени жадакалса бүркүткө да теңешпей, жору деп коюшат экен. Өз атымдан эле айтпайбы» – дептир.
Чомотой саятчы боору эзилгенче күлүп: «Мына муну жутуп жиберчи, мен бир жакшы ат берейин» – деп колундагы как балтаны сунган экен, көк жору ап эткизе сугунуп жибериптир. Ошондо саятчы: «Анык балта жутар экенсиң», – дептир. Көк жору ошондон баштап «Балта жутар» аталып калыптыр. Кадыресе, саятчынын койгон атына ушул күнгө чейин ыраазы экен.
Үпүптүн сасык болуп калышы жөнүндө уламыш
18 миң ааламда, дүйнөнү, жер-сууну, куштарды, жанжаныбарлардын бардыгын сурап турган Сулайман пайгамбар мезгили жетип, ал өзүнүн өлөрүн билип, атагын өчүрбөс үчүн бир белги калтырууну ойлойт. Бирок кандай нерсе калтырууну чече албайт. Акылман аялынан кеңеш сурап: «Таштан, кумдан, топодон, жыгачтан белги калтыруу жарабайт, анткени бул баары эле адам баласынын колунан келет. Ошондуктан куштардын сөөгүнөн өзүнчө бир кооз мунара тургузуш керек, себеби Сулаймандан кийин 18 миң ааламды эч ким сурабайт. Куштар өзүнчө, жердеги жан-жаныбарлар өзүнчө, курт-кумурскалар өзүнчө, адамзат өзүнчө бийликте башкарылат», – деген экен.
Бул акылды туура көрүп, 18 миң ааламдын ээси болгон Сулайман бүткүл куштарга жар чакыртып, куштар чогулуп келет. Алардын эсебин алып караса, Үпүп жок болуп чыгат. Аны таап келмекке жагалмайды жиберет. Анда келбей койгон соң, Кара боорду жумшап, Үпүптү алдырып келет да, сурак кылат, Үпүп Сулайман пайгамбардын суроолоруна акылмандык менен жооп таап, жазадан кутулуп калат. Кадыресе, анын тапкычтыгына, акылмандуулугуна пайгамбар ыраазы болуп, өзүнүн жаңылыштыгына моюндап, Үпүпкө таажысын кийгизип, үстүнө кооз чепкен жабат. Сыйды алып сыртка чыкса, куштардын баары аны куттуктап басып жыгылат. Үпүп өлүп кала жаздап, араңдан зорго кутулуп, кайра Сулаймандын жанына качып кирип: «Мени булардан куткара көр», – деп суранат. Ошондо пайгамбар ага сасык жыт берген экен, Үпүп сасык болуп, ал эми жүнү, келбети кооз боюнча кала берген экен.
Жагалмайды Үпүптү алып келе албаганы үчүн мойнундагы жылажынды алып, тамагына кара тамга салып жазалайт.
Тапшырган ишти дурус аткаргандыгы үчүн, кара боор жана «күчтүү бол» деген бата алат. Ошондон бери бул куштар ошол келбеттери боюнча келе жатат имиш.
Удайчынын «мышык» болуп аталышы жөнүндө уламыш
Мышык илгери Удайчы аталчы экен. Ал мурда арстанды тууган экен, ал чоңоюп алып, өзүн бир кичине нерсе тууганына намыстанып: «Сен менин денем эмессиң, «Мыш» жоголгун! Эгерим мага көрүнсөң чайнап салам» – дептир! Андан кийин жолборсту, илбирсти тууган экен, алар да жогоркудай сөздөрдү айтып, мышыктын энелигинен безишип; «көрүнсөң жейбиз» деп тап беришиптир.
Мышык балдарынан үмүтүн үзүп, «бир курсакты адамзаттын дасторконунун түбүнөн ашканын берип тойгузбаймынбы», деген ой менен адамзатка качып келген экен, адамзаттын дасторконуна түшкөндөрдү тере качканда «мыш» деп кубалап коюп жүрүп, Удайчы аты калып, мышык аталып калыптыр.
Ушул күндө, кыргыздарда балдары көп болсо да күйүмү жок болуп, ата-энеси каарланса да «мышык болуптур» деген ылакап бар.
Кыргыз атанын жыл аттарын белгилеши жөнүндө уламыш
Илгери кыргыз ата бир доорду он эки жылга бөлүп, ал жылдарга ар кайсы айбандардын атын атап белгилемек болуп: «жыл эсебине катышайын деген айбандар келгиле» – дегенде, 13 түрдүү жаныбар жетип келген экен. Кыргыз ата туруп келип: «жыл аты он эки болбосо, эсеп төп чыкпайт, бириңер кайткыла» – дегенде, эч кимиси кайтышка ынанкырабаптыр. Кыргыз ата: «Кимиңер жылдын башына киресиңер? Ошону токтоткула», – десе, он үч жан тең эле: «Мен жылдын башына кирем», – дешип талашып, бир бирине жол бербептир. Ошондо Кыргыз ата: «Эй, азиз жандар! Эртең бүрүлдөн калбай, баарыңар чогулгула. Мен калыс болоюн, ким мурда чыккан күндү көрүп, алдын айта алса, ага башкалар күбөлүк кылса, ошол жылдын башы болсун. Күндүн чыкканын көрө албай 13үнчү иретке калып калган жан жыл катарынан чыгып кетсин» деген экен. 13 жан «Эртең менен уктап калбайлы, азыр эс алып эрте уктап, таң менен туруп, күндүн чыгышын карайлы» деп жайларына кайтышыптыр. Кыргыз ата таң эртең менен 13 жан чогулушаар жайга келип караса, 13 жан таң белги бергенде, чыгышты бет алып, ынтаасы, зээни менен күн чыгышын байкап турушкан экен.
Кыргыз ата: «Иш оңуна айланыптыр, чычкан баатыр жыл эсебине кирбей эле коёюн, деген окшойт», деп ойлоптур. Ар иште калыс Кыргыз ата, жер абдан жарык болгондо, он эки жылдын ортосуна келип, чыр чыкпасын деп, чындыкты байкап турган экен.
Он эки жылдын күн чыгыш жактын четинде, тартайган төө ансайын моюн созуп кокоюп, күндү байкап, кепшеп турган экен. Ал кезде, баары эле жылдын башы төө болот деген ойдо экен. Күн нуру бөксөгө түшкөндө, он эки жан тең эле: «Мен мурда күндү көрсөм экен», – дешип, удургуп тынчы кетип, шашып калган экен. Кыргыз ата ого бетер тикийип, жандарга саресеп салып турган экен.
Күндүн чекеси кылайышы менен чычкан баатыр: «Мен күндү көрдүм, ашкере көрдүм!» – деп чыйылдап жиберген экен. Кыргыз ата жана башка жандар чочуп кетишип, чычканды карашса, ал төөнүн туу чокусунда, эки колун серейтип: «Мен көрдүм» деп кыйкырып турган экен. Кыргыз ата: «Жылдын башы чычкан» деп жарыялаган экен. Артынан эле уй: «Мен көрдүм» – деп челейип туруптур, андан ар кайсы жандар удаалаш өздөрүнүн аттарын жарыялаптыр. Төө чокусунан Чычкан баатырдын үнү чыкканда чочуп, бүткөн-бою чыйрыгып, күндү көзү көрүп турса да: «мен күндү көрдүм», дегенге тили күрмөлбөй, «баф» деп бакыргандан башка эчтеме дей албай, жылга кире албай калган экен. Жылын билбеген кишиге каратып «сенин жылың төө беле?» деген сөз ушундан калган түрү бар.
Төөнүн аркасынан сийип калышы жөнүндө уламыш
Топон суу жүрүп жаткан кезде, Нух пайгамбар төөдөн бир жуп тукум алып калуу үчүн, кемеси менен төөгө барса, эч кыймылдай албай, маңдайы десе тайгаланып, төө калтырап турган экен. Анда Нух пайгамбар барып төөнү көтөрүп кайыкка алып келген экен. Ошондо Нух пайгамбар көтөрүп келе жатканда төөнүн заара кылгысы келип, алдына сийейин десе, пайгамбарды көздөй сийдиги чыкпай аркасына карай сийип калган экен.
Чабалакейдин куйругунун эки ача болуп калышы жөнүндө уламыш
Илгери топон суу жүргөн мезгилде, Нух пайгамбар жан-жаныбарлардын ар бир түрүнөн бирден жуп алып, ачык деңизге чыгып кетет. Ошондо чычкан кеменин түбүн тешип жибергендиктен суу кире баштайт. Бардыгы чөгө турган болгондо жылан топон суу өткөрүүчү тешикти денеси менен тосуп жатып кырсыктан сактап калат. Жыландын бул кызматы үчүн Нух пайгамбар: «Дүйнөдө эмне таттуу болсо, ошону менен тамактангын» дейт да, таттуулукту билип келүүгө чиркейди жумшайт. Чиркей жер жүзүн кыдырып, адамдын каны таттуу экенин билип, кайра келе жатканда, алдынан чабалакей чыгып, андан алдап сурап билип алган соң, чиркейдин тилин сууруп алат, Нух пайгамбарга келгенде чабалакей: «Баканын каны таттуу экен» – деп жатат деп чиркей үчүн жооп берген экен. Жыландын ачуусу келип, аны куйругу менен бир чапкан экен, ошол себептен чабалакейдин куйругу эки ача болуп калыптыр. Жыланга пайгамбар баканы буйругандыктан, ал бүгүнгө чейин бака жутуп жүрөт имиш.
Бөрүнүн ырыскыдан куру калгандыгы жөнүндө уламыш
Жараткан бардык жан-жаныбарларга ырыскы таратыптыр, ар кайсы өзү азыктана турган ырыскыларын алып кайтыптыр. Бирок бөрү таң аткыча жойлоп жүрүп, күндүзү уктап калып ырыскыдан куру калыптыр. Ойгонуп караса, бардыгы эле жандар өздөрүнө буйруп берген азыктан тоюттанып жаткан, бөрү барып ага-буга демитип көргөн экен, бардыгы «ырыскыңы жараткандан буйрутуп ал» деп жолотпой коюптур. Бөрү жортуп олтуруп жаратканга барып, улуп-уңшуп ырыскы сураган экен, жараткан ырыскы буйруп берейин десе, эч нерсе калбаптыр. Аргасыздан карышкырга: «сенин ырыскың талаада, алдыңа эмне жолукса ошону алып же!» деп буйра салыптыр. Ошого бөрү тынбай жортуп талаадан ырыскы издеп, жолукканды бура тартып жеп, эч нерсе жолукпаса нече күндөп ачка жүрөт экен.
Ителгинин көңөсү жөнүндө уламыш
Ителги Дөөтү уста менен тегирмендин ташын жара тебе алса Алтын текөөр жасатып алуу үчүн мелдешип, чынында эле жара тепкен экен, бирок Дөөтү уста жер бетинде тең келе турганы жок уста болгондуктан ителги тээп өтүп кайра кылчайгыча тегирмен ташты кадоолоп кайра жүргүзө койгон экен. Ителги ошого ызаланып, ыйлап жүргөнү жүргөн экен. Көзүнүн жашы ошондон бери куюлуп жатып тумшугуна көңө так түшүп калган имиш. Ошого ителгинин көзүнөн ылдый карай кеткен жарака көңөсү чыгып калган дейт.
Комуз жана комуз күүлөрүнүн жаралышы жөнүндө уламыштар
Кыргыздардын карт тарыхына жараша анын музыкалык аспаптарды урунуу тарыхы да абдан узун болуп да, комуз музыкасын урунган тарыхы абдан эрте экени белгилүү. Ошого комуздун жаралышы жана комуз күүлөрүнүн жаралышы жөнүндө аябай сонун уламыштар айтылып калган. Тарыхый маалыматтарга караганда комуз Миландыдан мурдагы I кылымда кыргыздын өз ичинде эле эмес, хансулаласынын бийлигиндеги орто жунгуга чейин тарагандыгы, Таң сулаласы доорунда, ал ордо музыкаларынын катарында жапонго (жапания) соогат кылынгандыгы жазылган.
Комуздун жаралышы боюнча айтылган уламыш кыргыздар ичине жалпы таралган жана түрдүүчө варианттар айтылып келет.
Ал эми комуздун күүлөрүнүн жаралышы боюнча да кызыктуу уламыштар айтылып калган.
Комуздун жаралышы жөнүндө уламыш
Комуз – кыргыз улутунун музыкалык аспабы. Анын жаралышы жөнүндө мындай уламыш айтылып калган.
Илгеринин илгеркисинде сүйгөн жигитинин өлүм күйүтүнө чыдабай, токой, талаа кезип басып кеткен Камбаркан аттуу кыз токойдо кургап жаткан карагайдын боорунда тартылып куурап кыл болуп калган түлкүнүн ичегисине көөн буруп карап калат. Ал шамалдын эпкини менен доош салып турган экен. Камбаркан кыз ал кыл болуп калган түлкүнүн ичегисин алып, аны башка бир сомдолгон жыгачка тартып, күйүтүнө коштоп үн чыгарып чертип калат. Ошол жасаганы күйүтүнө аралжы болуп, бир кыйла жеңилденип калган имиш. Бирок ал жасап алган нерсесине ат койбоптур. Аны колуна алып талаа кезип, токой аралап чертип жүрө берген экен.
Бир күнү талаа кезип, адатындай жасаган нерсесин чертип бир жерде отурса, «комуз как» деген бир чөп куурап, зыркар шамалдын эпкининде зырылдап доош чыгарып турат экен. Анын доошунан «комуз как» деген үн чыккандай болуптур. Камбаркан колундагы чертип олтурган муңду «комуз как» чөптүн доошуна окшоштуруп, бул да «комуз как» болсун деп атап коёт. Ошондон барып «комуз» аталып, «как» түшүп калган экен. Демек комузду Камбаркан кыз жаратыптыр. Анын туңгуч черткен күүсү «Камбаркан» күү болуп калган экен.
«Камбаркан» күүсүнүн жаралышы жөнүндө уламыш
«Камбаркан» кыргыз күүлөрүнүн ата башы болуп айтылат. Анын жаралышы жөнүндө төмөнкү уламыш айтылып келет.
Илгери Камбаркан аттуу бир хандын кызы болгон экен. Ал түшүндө бир жигитти көрүп ошого күйүп калыптыр. Аны таппаса, ага тийбесе, бул жарык дүйнөдө жашоонун ага маңызы жок болуп калыптыр. Ал түшүндө көргөн жигит да бир хандын уулу экен, анын түшүнө да ошол кыз кирип, ошону аңсап, издеп жүргөн болот. Экөө издешип жүрүп соңунда табышкан экен. Бирок үч ай болбой эле жигит дүйнөдөн кайтыш болуп кетиптир. Камбаркан кыз анын күйүтүнө чыдабай, талаа кезип, токой аралап жүрүп кеткен экен. Ал бир токойду аралап жүрсө карагайдын бооруна өлүп калган түлкүнүн ичегиси чубалып барып катып калган экен, ал куургандан куурап кыл сыягына өтүптүр да, жел аргы шамалдын эпкини менен зирилдеп доош чыгып турган экен. Камбаркан кыз ал кылды алып, бир карагайдын кургак бутагынын бооруна тагып, күйүтүн жоокалатуу үчүн аны черткен экен. Ал Камбаркан күүсү болуп кийинкилерге калыптыр. Азыр кыргызда «Күүнүн башы Камбаркан» деген сөз бар. Азыр комузда чертилип жүргөн «Камбаркан» аттуу күү мына ошондон келген деген уламыш бар.
«Тайчы» күүсүнүн жаралышы жөнүндө уламыш
«Тайчы» кыргыздардын байыркы комуз күүсү болуп, анын жаралышы жөнүндө төмөнкү уламыш айтылып калган.
Илгери жоокерчилик заманда кыргыздын «Мактым сулуу» аттуу кызы болгон экен. Ал ай десе, ай эмес, күн десе, күн эмес сулуу экен. Анын чачы кырк кулач экен. Терекке асып туруп тарап жууйт экен. Ошол чач жууп жатканда, бир тал чачы чоң дайрага агып кетиптир да, дайранын тегинде суу бойлоп жүргөн жоонун баатырлары Чынарстан тайчы, Бекарстан тайчы дегендердин атынын мойнуна оролуп калган экен. Алар чачтын узундугуна таң калып, кандай адамзаттын чачы экенин сурамалап жүрүп соңунда, Мактым сулуунун чачы экенин билип, кыргызды чаап Мактым сулууну алып кеткен экен. Мактым сулуу Бекарстан тайчыга тиет экен. Бирок Мактым сулуунун качуу оюн өзгөртө албаптыр. Күндүз жоокерлер жылдырбай кайтарып, түндөсү тайчы чачын колуна ороп жатчу экен. Мактым сулуу кача албай жүрүп «Апал-Үпөл» аттуу эгиз кыз төрөптүр. Бирок дагы эле качуу ниетинде экен. Бир күнү тайчы арак ичип мас болуп калганда аттын куйругунан чач кылып колуна ороп коюп, атын минип улуу суудан өтө качкан экен. Тайчы эсине келип эртеси караса, Мактым сулуу улуу дарыянын өйүзүндө туруптур. – Тайчы өтүп бара албай, өйүздү карап какшап боздогон экен. Ошондо Мактым сулуу комуз менен көргөн кордугун ырдап, Тайчыны эликтирип улуу суудан өтсөң мен качпайм деп алдаган экен. Тайчы жоокерлерин, бүткүл малын улуу сууга айдатып кирип агып өлгөн экен. Кыргыздар Мактым сулуунун жоодон куткарган күүсүн түбөлүк унутпай, «Тайчыдан тайчыбек Арстан-тайчы» деп чертип калган экен.
«Карагул ботом» күүсүнүн уламышы
«Карагул ботом» кыргыздардын как күүлөрүнүн бирөө болуп, ал мындай жаралган деген уламыш бар:
Карагул бир мергендин уулу экен. Карагулдун атасы адис мерген болуп, кийиктен он оңко тургузган экен. Ага кайберендин ээси нечен жолу эскертме берсе, болбой кайберендерди кыра берген экен.
Бир күнү Карагул атасы аңга кеткен жакка утурлай барып, бир күнгөй бетте кийик тонун тетири кийип алып, кийик болуп ойноп жүрсө, атасы аңдан жолу болбой келе жаткан экен да, балтыркандын түбүндө кыбырап ойноп жаткан баланы алыстан кийик экен деп атып алган экен. Ошондон барып караса, өзүнүн баласы Карагул экен. Мергенчи күйүткө чыдай албай «Карагул ботом» деп зарлап какшап ыйлап, аны комуз менен чертип калган экен. «Карагул ботом» күүсү ошондон жаралган имиш. Кыргыздарда баласы өлсө «ботом» деп ыйлайт.
«Насыйкат» күүсүнүн чыгышы жөнүндө уламыш
Кыргыздардын комуз күүлөрүнүн ичинде жүрөктү элжиреткен, кандайдыр бир тарыхты сыдыра баяндап сызып чыккан «Насыйкат» аттуу күүнү чоң комузчулар чертишип, жалпы кыргыздарга белгилүү болуп жүрөт. Ал эми ушул күүнүн чыгышы жөнүндө мындай уламыш айтылат.
Илгери бир заманда кыргызды жоо басып алып, аны тукум курут кылып жиберүүнү көздөп, ар кай жерге тоздурган экен.
Анын ичинде эң биринчиси комузду жоготуу, комуздун үнүн кыргыздын көкөйүнөн өчүргөндө анан, кыргыз башка элге оңой сиңип кетет дегенди жоонун бир акылманы ойлоп тапкан экен. Жоонун ханы бүт жер бетинде комуз үнү чыкпасын, ким комуз чертсе башы кесилсин, деген өкүмүн чыгарган экен. Ошондой кордуктуу замандын бир күнү жоонун өкүмдарлары аң уулап, бир алыскы колоттун башында жүрсө, бир нерсенин үнү угулуптур, алар барып караса, жалгыз бир абышка ошол колоттун башында олтуруп алып комуз чертип олтурган экен. Ал өкүмдарлар абышкадан аты-жөнүн сураса, Сүйүнбай деген кыргыз экен. Алар: «комуздун үнү чыкса, баш кесилет деген өкүмдү укпагансыңбы?» – деп сурашса, ошону угупбилгендиктен ушул жерде чертип отурганын айтыптыр. Өкүмдарлар чалды байлап, комузун мойнуна асып алып, эли-журтуна сабак болсун дешип, калкты калың чогултуп абышканы дарга асмак болушат. Дарга асуунун алдында абышкадан: «эмне талабың бар, айтып кал» деген экен. Абышка: «Мен как ушундай бир чогулушту күттүм эле, өлөр алдымда бир күү чертип алсам» деп суранган экен. Өлөр адамдын өтүнүчү кабыл болуп, Сүйүнбай чал «Насыйкат» күүсүн чертип, комузду, комуз күүсүн эч кандай жоо жогото албай турганын, ал ата-бабадан бери уланып келе жатканын айтып, калың эл журтка комузду, күүнү урпактан-урпакка улап айтуу жөнүндө «Насыйкат» күүсүн калтырган экен.
Кыргыздын комуз күүлөрүнүн уламыштары өтө эле көп, ар бир карт күүлөрдүн бирден уламышы айтылып калган. Күүлөрдүн уламышы ошол күүнүн эмне себептен чыккандыгы жөнүндө маалымат берилсе, дагы бир жагынан кыргыздын тарыхынан элес берет. Биз бул жерде ар бир күүнүн уламышына бирден токтолуп олтурбайбыз.
Улуттук оюндардын чыгышы жөнүндө уламыштар
Кыргыздардын салттык оюндары түрдүүчө тарыхый шарттарда, кандайдыр бир себептен улам чыгып, ойнолуп калгандыгы тарыхый болумуш иш. Бирок анын уламышка өтүп көркөмдөлүп айтылып келиши кыргыздын көркөм адабиятындагы табылгасы эсебине кирет. Ошого оюндардын чыгышы жөнүндөгү уламыштар башка түрдөгү уламыштар сыяктуу эле ошол оюндардын тарыхын ошол боюнча төкпөй-чачпай улап айтып келген. Тарыхтын өзү болбостон, ошол тарыхтын томунун көркөмдөлүп иштелген адабият экенин оюндардын уламыштары да мифтик, апыртмалуулук көркөм элестетүүчүлүк каражаттар менен камдалып айтылып, уланып калган уламыштар экенин айтып койгон оң. Кыргыз оюндарынын түрү көп, ошого жараша айтылып калган уламыштар көп, бирок төмөндө бир нечеси менен таанышабыз.
Тогуз коргоол жана упай оюнунун уламышы
Упай оюну кыргыздардын бир түрдүү чүкө атышмай оюну болуп, карт тарыхка ээ. Упай оюну «Манас» эпосунда көп жерде айтылат. Упайда жети чүкөнүн калчалып калышы «Манас» эпосундагы жети хандын эсебинен калчалган деген уламыш айтылат.
Ал эми упай оюнунун ойнолушу, анын чыгышы жөнүндө мындайча уламыш айтылып калган:
Илгери Текес деген жерде, Мундуз деген элде (урууда) Тогузбай аттуу жемекей ханы болгон экен. Ал элге салык-алым салып жатып жалчытпаптыр. Ошол элде, Тоотай аттуу адис мерген бар экен. Жемекей Тогузбай Тоотай мергенге көз кызартып, бир күнү чакыртып келип «Сенин тогуз уулуң бар экен, тогуз уулуңа тогуз түтүндүн салыгын төлөйсүң; тогуз жолборс, тогуз илбирс, тогуз аюу, тогуз сүлөөсүн, тогуз кундуз, тогуз суусар, тогуз бөрү терисин бересиң; өзүң жана тогуз балаң үчүн токсон кыргоол, токсон улар, токсон тоодак атып бересиң; эгерим сен ал салыкты төлөбөсөң, сага уучулук кылуу кесибин иштөөгө тыюу саламын!» – дейт. Ошондо каары келген Тоотай мерген Тогузбайды атып өлтүрүп, аялы, тогуз уулун ээрчитип, тоого чыга качып кетет.
Тоотай мерген тоодо үңкүрдү үй кылып алып, анда бала-чакасы менен бир нече жыл жашайт. Ошол тоодо жалгыз үй жашап турган кезинде мерген тогуз уулу менен акылдашып: «Тогуз уулум, маңдайдагы тогуз үйдө жашап, бир казан аскан тогуз кыз болсун, силер акырындап тоону айланып көчүп жүрүп отуруп, ошол тогуз кызга үйлөнөсүңөр», – деп тогуз коргоол оюнун жана упай оюнун ойлоп чыгарган экен.
Ошол тогуз кыздын эң улуусу, өтө акылман жана сулуусунун аты «Упай» экен. Упай ошол кыздын аты болуп калыптыр.
Бул уламыш, тогуз коргоол жана упай оюнунда ойнолуучу «Тогуз үй, тогуз уул жана тогуз кыз», деп аталышы боюнча көркөмдөлүп элестетилген адабият. Ал эми Тоотай мерген деген кыргыз мифтеринде «Үч аркар жылдызды» атмакка асманга көтөрүлгөн жылдыздардын бирөө айтылган мифтик образ (анда Толтой мерген болуп айтылган), демек, бул уламыш ушул оюндардын нака тарыхы эмес, элестетилип айтылган уламыштык чыгарма эсептелинет.
«Көкбөрү» (улак тартуу) оюнунун чыгышы жөнүндө уламыш
Кыргыздарда көкбөрү тартышуу оюну тээ эртеден келе жаткан, ат үстүндөгү күч сынашуу оюну эсептелет. Кыргыздардын ар кандай майрамдык чогулуштарында көкбөрү тартышпай өткөн эмес. «Манас» эпосунда да көкбөрү тартышуу абдан көп сүрөттөлөт.
Ал эми көкбөрү оюнунун чыгышы жөнүндө мындай уламыш айтылып келет:
Чынгысхандын көкбөрүнүн кебетеси түшүрүлгөн туусун көтөргөн жоодон жеңилип кайра кайткан кыргыз жоокерлеринин так алдынан ошол туудагы сүрөт тирилгендей бир көк бөрү чыга түшкөн экен. Кыжынган жоокерлер көк бөрүнү качырып барып, атчан ороп кетишиптир да, эңген бойдон тарткылашып көпкө чейин тытыша албай тартышыптыр. Бир жагынан алар көөндөрү көтөрүлүп калгандай сезишиптир. Ошондон кийин, кыргыздардын уландары зериккенде, көкбөрү тартышып ойной турган адатка өтүптүр. Дайым эле бөрү табыла бербейт эмеспи, андан кийинкилер ноопас, торпок тартып ойношмой болот. Ошондон барып, серке улак тартышмайга жалпылашкан экен. Азыр кыргыз тилинде «көкбөрү тартуу», же «улак тартуу» деп айтылып жүрөт.
Ордо атмай оюнунун чыгышы жөнүндө уламыш
Илгери заманда, кыргыздар бир кара мүртөз, залим падышага калыптыр. Бүткүл кыргыз эли караланып, зарланыптыр. Ал элге ээ болбоптур. Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы менен алек болуп кетиптир. Бул ханына караланган эл аксакалдары, көсөмдөрү акылдашып олтуруп ал ханды тактан кулатыптыр. Бирок анын ордуна ылайыктуу ханды отургуза албай, ар кайсы жаат өзүнүкүн көрсөтүптүр да туруптур. Ошондо бир кеменгер аксакал ойлоп, бир аркан бою тегерек чийим тарттырыптыр да, анын ортосуна бир бий бекитип, биймит чүкөнү хан деп атап, анын тегерегине көптөгөн чүкөлөрдү коргоочу кылып, бөкөсүнүн алдын тыкыс орундаштырыптыр. Анан элге жарыялап «кайсыл жааттын адамы томпой менен ушул чийимден туруп, хандын коргоочуларын көптөп чыгарып, анан ханды атып чыгарса, ошол хан болсун» деген экен. Эл ал ойду жактап, ар кайсы жаат өзүлөрүнүн мыктыларын ордого салган экен. Бул бир иретки акылмандык иш кийин оюнга айланып калыптыр.
Ордо оюну «Манас» эпосунда көп кезигет. Ал тургай ордо оюнун «Манас баатыр» салгылашуу, согушуу кезде чыгарган экен деген уламыш айтылат.
ҮЧҮНЧҮ БАП
ДАРЫМ ЫРЛАР
Ооруну жубатуу, абалына аралжы болуу максатында айтылган касиеттүү сөздөрдүн уйкаштуу тизмеги дарым ырлар деп аталат.
Дарым ырлар кыргыздардын эң баштапкы түшүнүгүнөн улам чыккан. Баштапкы коомдун адамдары «касиеттүү сөздөр сырткы дүйнөгө, заттардын, кубулуштардын теңирлерине, ээлерине өтөт, алар ошол сөздөрдү угат, адамдын денесине жабышкан илдеттерди сууруп чыгат, ал эми жабышкан оору, илдеттер да сөз касиеттерин угат» деп түшүнүлгөн.
Дарым айтып, эм-дом жасоочулар «Дарымчы» деп аталган. Алар өз кезинин акыны, чечени, сөздүн кыйуусун табуучулардан болгон. Алар оорунун себебин мифтик наристе элестетүүчүлөрдөн болуп, ооруну, анын себептерин көркөм наристе элестетип түшүндүргөн. Жанына ошого жараша касиеттүү сөздөрдү курап, көркөмдүк сөз күчү менен илдетти ооруну кубалап, сууруп чыгуу болот деп ишенген, ошондой ноокастарды ага чын бүтүргөн. Ошол бек ишенүүдөн оору өзүн жубаткан, жеңилденген. Дарым ырларынын байыркы эски адабияттан экенин, анын айбандарга, түрдүү заттарга адамча сүйлөп, аларды да адамча касиетте элестеткени болуп эсептелет. Алып айтсак, жылан менен арбашуу (дуба айтышуу), түрдүү курттардын атын таап, алар адам жана айбандарды чакканда сөз күчү менен атын атап, сууруп чыгуу болгон. Мисалы, жыландын аты «чак-чур» башка илдеттердин, курттардын (азыркы микроб аттары) «быжы-быжы», «келең-келең», «бадик», «гүлапшан», «албын» сыяктуулар болгон, дарымды айтканда, ошол ооруга кайсы курт илдет жабышканын билип, анын атын атап айта алса эң күчтүү дарым эсеп телген.
Жогоркудай түшүнүктөрдөн улам, кыргыздардын дарым ырлары пайда болгон. Ал дарым ырлар барган сайын көркөмдөшкөн, касиетин мурдагы ашкереликтен купуялыкка өткөн, ошого, азыркы өнүккөн коомдо дарым ырлары ооруга ашкере айтылбастан, «дарымчы» ичинде купуя айтып, «сүф» деген сырлуу касиет жаралган. Кыргыздардын дарым ырларын угуп көрсөк, анын тил өзгөчөлүгү ыргактуу касиетинин көркөм адабият экенин билүү кыйын эмес. Мында айтып коё турган бир нерсе, кээ бир дарымдардын сөздөрү тетирисине карай ырдалган, анын себеби, эм-дом сырлуу болуусун, сөздөр түшүнүксүз болгондо касиеттүү болуусун көздөгөн болсо керек.
Кыргыз дарым ырларынын мазмунуна караганда, дарым ырлар «эмчилик» пайда болуудан алда канча мурда, кадыресе, түрдүү чөптөрдүн дарылык касиеттерин баамдоодон мурдагы кездерде чыгып, колдонулуп калганын билүүгө болот.
Колдо бар материалдарга негиз дарым ырлардан төмөнкүлөрдү тааныштырабыз.
Арбашуу ыры
Арбашуу кыргыздардын дарым ырларынын ичинде эң байыркысы болуп, адам, айбандар эч кандай айырмасыз деген төмөнкү түшүнүктө пайда болгону көрүнөт. Анткени, арбашуу дарымчы киши менен жыландын эрөөлгө чыгуусу болуп эсептелет. Жылан адамды чакканда дарымчы анын уюгун таап дарым айткан, жыланды ийнинен чыгарып арбашууга чакырган: Мисалы:
Чакчурсуң, Чаккан чубурсуң.
Кан атаңда доом бар, Кармашамын бери чык! Алты атаңда доом бар, Арбашамын бери чык!
Бул айтылган дарым жыланды кудум эле адам катары сөз уга турган, күрөшө ала турган таанымда мамиле жасап турат.
Киши менен жылан арбашканда, экөө бирин-бири тиктеп, көз ирмебей, тынык чыгарбай, демдерин ичтерине тартып ичтеринен дарым айтып арбап турат дейт, кимдин дарымы күчтүү болсо, тигинин курсагы жарылып кетет имиш, айтмак, жылан менен арбашуу кээ бир койлордо да болот имиш.
Кыргыздардын дарым ырларында арбашуу ырлары бир кыйла көп жана кызыктуу болгон. Булардын ичинен үлгү катары эки түрүн көрсөтөбүз.
А. Чакчурсуң, Топчурсуң, Алты атаңда доом бар, Арбашамын бери чык!
Баштарыңды чыгар, Балжыратамын,
Тилдериңди сун.
Жанчып өтөмүн, Чакчурсуң, Чаккан чубурсуң. Алты атаңда доом бар, Арбашамын бери чык!
Быжы-быжы быжымын.
Мен быжынын кенчимин,
Алабата күлүмүн, Арбоочунун өзүмүн. Жер кендеги чакчурсуң, Жетип барып тапчумун! Сенин атың Чакчур, Чакчурсуң, топчурсуң!
В. Кереч, кереч кер жылан, Керегедей бир жылан,
Майруң-туйруң бир жылан, Мама желим кыз жылан,
Убай жылан, чубай жылан, Ок жылан чок жылан. Кара тоонун боорунан, Илек-илек келет, Кайт жылан.
Сүрө, сүрө, сүрө, чык!
Сүйлөшөйүн бери чык! Чоң атаңда доом бар, Доолашайын бери чык?
Таятаңда сөзүм бар,
Айтышайын бери чык!
Ажыдаар ак жылан.
Арбашайын бери чык!
Алтымыш баштуу, жүз көздүү,
Боору кызыл келенкер, Сырты чаар келеңкер, Шыбыратпай шыдыр чык. Быжы, быжы быжымын, Быжылардын кенимин.
Долононун чогумун, Табылгынын огумун,
Такыр сени койбоймун!.
Дарымчылардын арбашууда айтканы ушулар болгон. Мында бул ырларды дем чыгарбай ичтен шыдыр айткан. Соңунда жыландын атын таап «Чакчур» деши менен жыландын курсагы жарылып өлөт имиш. Кыргыз дарым ырларындагы «арбашуу» ырынын жөн-жайы ушундай болуп, мында да сөз касиетине ишенүү наристе тааным аркылуу айтылган көркөм адабият экени анык көрүнүп турат.
Уулуу шишиктер дарым ыры
Кара курт чакканда, жылан чакканда уулап шишип кетет. Ошондо кыргыз дарымчылары төмөнкү дарымды айтып эм-дом кылган.
Талмакир, салмакир,
Сенден малмакир,
Ала быжы, кала быжы,
Быжы, быжы, быжы чык, Быжырабай бери чык!
Курту болсо, кууруп чык, Дарты болсо сууруп чык, Сүф! Сүф! Сүф!
Килең, килең, килеңди,
Баа кайып тиленди,
Тилең, тилең, килеңги,
Изи чаар килеңги, Килең, килең килеңги, Боору чаар килеңги.
Менин атым алда чык, Алий болсо калбай чык!
Сүф! Сүф! Сүф! Быжы, быжы, быжы чык, Тула бойдо калбай чык! Заарыңды жайбай чык!
Турумтайдай түлөп чык, Жабыр көрүп жүдөп чык!
Ууңду жайбай чык!
Сүф, Сүф, Сүф!
Уулуу шишикке ушул дарымды айтып, кызыл жип менен эки жагынан байлап салган.
Мант байлоо ыры
Тиш ооруу көбүнчө курт түшкөндөн болот деген да, ал куртту байлап чыгуу дарымы ойлоп табылган. Тиштеги куртту байлоо дарымы «Мант байлоо» деп аталган.
Дарымчы мант байлаганда, демин ичине тартып, төмөнкү дарымды бир сыйра айтканда бирден сүф түкүрүп отурган. Ошону үч кайталап, түкүргөндө курт байланды деп түшүнүлгөн, ошого дарымчы да, оорулуу да чын бүткөн, оорусу жеңилдегендей сезилген. Ал «мант байлоо» дарымы мындай ырдан түзүлгөн.
Айдан түшкөн алтын курт,
Күндөн түшкөн күмүш курт, Күүлүү болсоң куруш, Каба болсоң тырыш!
Каба бара мен болсом, Эрте түкүргөнүм кечке жетпе, Кеч түкүргөнүм эртеңкиге жетпе!
Сүф! Сүф! Сүф!
Түйдүм, түйдүм мант,
Түйө албасам мага мант, Жараны жарган мант.
Куртту куруткан мант,
Жараны жарган мант,
Куртту куруткан мант, Илдетке шыпаа берген мант, Сүф! Сүф! Сүф!
Албын ыры
Абасы бийик жерлерде түтөк өтө күчтүү болгон. Адамдар түтөккөндө көгөрүп деми чыкпай жыгылган. Ошого аралжы болуу үчүн түтөккөндүн дарымы «албын» пайда болгон.
«Албын» дарымы түтөккөн адамды ортого коюп, кызулан тегеректей отурушканда, дарымчы албын айткан.
Албын өтө сонун уйкаштуу уят сөздөрдөн куралган болуп, албынды абдан ылдам, шыдыр айтканда, уккан кыз-улан дуу каткырышкан, ошондо тигил түтөгүп деми чыкпай калган адам да бырс күлүүгө жараган.
Демек, албын деми чыкпай калган адамды алаксытып күлкү аркылуу анын нервин дүүлүктүрүп, эсине келтирген.
Албын абдан уят сөздөрдөн куралгандыгы үчүн, бул жерде андан бир куплет үзүндү гана үлгү катары көрсөтө кетип, толук басма бетине жарыялабоо дурус деп карадык. Албын мындай айтылып башталат:
Албын, албын, албынтай, ХХдын башы жалбынтай.
Кара шок ортомой,
Капчыгайы короодой.
Күрдү ыры
«Күрдү» сук киргенде, кирне киргенде айтыла турган дарым ыры эсептелет. Күрдүнү, дарымчы эмчи-домчулар аткарышат.
«Күрдү» дарымынын айтылып калышын мындай бир жомоктон маалымат алабыз. Бир аял бар экен. Алар кышкы сүрүнө эчтеке таппай, айласыздан бир серкесин союп алышыптыр. Күйөөсү күнүгө талаада аңчылыкка жүрөт экен. Катыны баякыл серкенин майына сокто кылып жеп үйдө отурат экен. Эри катынынын серкесинин майын уурдап жеп жүргөнүн байкап эле жүрүптүр. Бир күнү аялы серкенин майын көп жеп алып, күптүү болуп жатып калыптыр. Ошондо эри сага «кирне» (кирди) деген илдет жабышыптыр, аны мен «кирнелеп» сакайтам дептир да:
Кирдү байдын күз серке, Күркүрөбөй чык серке.
Алдуу байдын ак серке, Аш болбогон май серке, Айдап жатам чык серке!
Дейди болсоң тешип кет, Кайып болсоң качып кет!
Чык күрдү, чык күрдү! –
деп тебетейи менен катындын башы-көзүнө жазгап, отурган сайын кайыш кур менен кара санга шыбаган экен. Ошондо катыны серкенин майын жеп ооруганын өзү билип, аны эри кереметинде билип алганына таң калып, андан ары серкенин майын уурдап жебес болуптур. Өзү да андай оорубай калыптыр. Ошол «кырды» (май кырды) сөзү «күрдү» дарымы болуп айтылып калган имиш.
«Күрдү» дарымы кыргыздардын дарым ырларында бир кыйла басым орунда турат. Анын ар түрдүү айтылыштары бар. Төмөндө кыска бир түрүн үлгү иретинде көрүп багалы:
Чык күрдү, чык күрдү! Сапаң, сапаң, сапанга бар, Жаман чапанга бар.
Каркыраган каманга бар, Күркүрөгөн тегирменге бар. Оттон кирсең отко бар, Суудан кирсең сууга бар.
Азынаган айгырга бар,
Аңгиреген эшекке бар,
Араң жүргөн ноокаста эмнең бар! Чык күрдү, чык күрдү!
Күрдүнү айтып жатканда, пахта же башка нерселер менен эмдеп-домдоп ооруну сылап жубатат.
Учуктоо ыры
Учуктоо дарымы кыска айтылып, тамак ооруганда тамак көтөрүү, жүрөк көтөрүү сыяктуу жеңил, желпи ооруларды эмдеп-домдогондо айтылат. Учуктоо дарымынын ыры мындай болгон:
Эмчилер өткөн, Эми бизге калган. Домчулар өткөн; Дому бизге калган.
Менин колум эмес,
Умай эненин колу,
Ооруңду көтөрө албайт, Кара жер өзүң көтөр,
Кайт! Кара жерге кайт!
Колдун алаканын тамакка же жүрөккө тийгизип, аны кайра жерге таптап-домдоп жогорку ыр айтылган.
Кутурган итти дарымдоо
Кутурган итти көргөндө төмөнкү дарымды (ырды) айтса, ал ит адамга асылбай жатып калат имиш.
Такай, такай, ширин такай,
Кардың карпай,
Жүнүң үрпөй,
Тишин ырсай,
Так жан! Кутургур, Сүф! Сүф! Сүф!
Көз үндөө (үйлөө ыры)
Көз ооруганда төмөнкү дарымды айтып үйлөгөн.
Кара көздө ак болбосун,
Ак болсо туруп болбосун, Жуурканда жең болбос, Жең болсо кийип болбос. Көлдө көпүрө болбос, Көпүрө болсо өтүп болбос.
Кара көздө ак болбос, Ак болсо туруп болбос, Сүф! Сүф! Суф!
Көзүндө дарымы кыргыз эл ооз адабиятында жаралган философиялык ыр катарында саналат. Бул көз дарылоо шылтоосу, ошол соорунда аткарылуусу менен башка ырлардан айырмаланган. Мында соңунда айтылган домдолгон аракет «сүфдөн» башкасы бүт эле көркөм ой, адабий чыгарма экени кашкайып көрүнүп турат.
Бадың ыры
Бадың оорунун ээси болгон бадың оорусу кызыл чыгуу, чечек чыгууну көрсөтөт. Дарыгерликтен эч кандай түшүнүк ала электе бул ооруларды сөз күч аркылуу оорунун ээсине айтып, аны домдоп чыгарып жиберүү наристе аракет колдонулган.
Бадың айтканда ноокас кишини жаткызып коюп, эки дарымчы эки ээрге курулай минип, бири бирине жон тийгизишип отуруп бадиктин обону менен айткан.
Бадик дарымынын түшүнүгүндө адам денесинин сыртына чыккан кызыл чечек «бадик» аталган, ичке чыкканы «күлапшан» деп аталып, бадик дарымы ошолорду айдап чыгуу, кууп жиберүү максатында ойлоп чыгарылган ыр эсептелет. Төмөндө бадик менен күлапшандан үлгү катары бир нускадан көрсөтөбүз.
Бадик
Мен бир дарым айтайын, бадик баштап, Жакшыны айтып, жаманды жолго таштап, Ушул турган адамга эми консун. Томоюлдун белиңде токсон миң кол, Адашкандын алдына казылган жол.
Кокуйлаган бир куш бар эмне ошол?
Чечинүү сен билбесең мен айтайын:
Кокуйлаган ошол куш кууң ошол.
Мен төмөндөн келгенде билип келдим, Кыл моюндуу сары атты минип келдим. Бадик экен атынды билип келдим.
Көч бадик, көч бадик, кайларга көч, Жылкы ичинде мөңкүгөн тайларга көч. Көч бадик, көч бадик каймалга көч, Өз алдынча ойногон маймылга көч. Көч бадик, көч бадик айбанга көч, Өз алдынча ойногон шайтанга көч.
Көч бадик, көч бадик, булуңга көч.
Эки энени тел эмген кулунга көч.
Көч бадик, көч бадик булакка көч.
Эки энени тел эмген улакка көч. Көч бадик, көч бадик көчүрөмүн, Бадик болгон атыңды өчүрөмүн. Көч бадик, көч бадик, көчкөндөй көч, Куурай оту күл болуп өчкөндөй көч. Көчөрүңө келгенде жан салбай көч, Көчүү жайын билбесең мен айтайын:
Көсөө менен көчүккө түрткөндөй көч, Муздак сууну бетиңе бүрккөндөй көч, Көмүр болуп күйгөн от өчкөндөй көч, Майлуу сорпо бетиңе бүрккөндөй көч.
Көч бадик, көч бадик, Бурулуп калба бадик, Омурткага оролуп алба, бадик.
Кабыргага кадалып калба бадик. Көч бадик, көч бадик ойлорго көч, Ойлор отун оттогон койлорго көч. Көч бадик, көч бадик бийикке көч, Бийик отун оттогон кийикке көч.
Көч бадик, көч бадик кыйырга көч. Эки мүйүз төрт эмчек сыйырга көч. Көч бадик, көч бадик, мунарга көч, Мунар отун оттогон уларга көч.
Көч бадик, көч бадик чүрчүткө көч.
Он эки куйрук он чалгын бүркүткө көч. Бадик кетип бардыр муштай болуп, Мен аркадан кууймун куштай болуп. Көч бадик көчүрөмүн,
Бадик болгон атыңды өчүрөмүн.
Күлапшан
Шалдыр-шулдур шарапшан, Сенин жайык Бадакшан, Кетпейсиңби күлапшан.
Жети буудай азыгың,
Жебейсиңби кулапшан, Жети айлык жолуңа,
Жетпейсинби күлапшан.
Алты буудай азыгың,
Албайсыңбы күлапшан,
Алты айлык жолуңа, Барбайсыңбы күлапшан. Кара эчкини сойдуруп, Кан кылдырган күлапшан. Кара тувар жамынып, Эм кылдырган күлапшан.
Сары эчкини сойдуруп,
Кан кылдырган күлапшан, Сары тувар жамынып, Эм кылдырган күлапшан.
Тооктордун бабасы, о, Чучу ата деген бай, Буга көчкүн күлапшан.
Суулардын бабасы, о,
Толтой мерген деген бар,
Заман акыр болгондо, о,
«Чуйк» деп жерге кирген, Буга көчкүн күлапшан.
Түлкүлөрдүн бабасы, о,
Шимшимийан деген бар, Буга көчкүн күлапшан.
Бөрүлөрдүн бабасы, о,
Жасоол, бөкөөл деген бар, Буга көчкүн күлапшан. Бадакшанда бир жигит, о, бадик айтат,
Ичке чыккан күлапшан, о, тышка кайтат!
Бадик дарымы эки дарымчынын ошентип алымсабак айтып, эм, дом кылуусу менен аткарылат. Бадик дарым ырын ар кайсы дарымчынын айтуусундагы сөз тексттери бирдей эмес, бирок орток мазмуну «Бадик көч», башка бир нерселерге көчүп кет! деген негиз болот. Ал эми, мында дин ишеним сөз төркүндөрүн изилдөөдө бадик ырынын илимий наркы жогору турат.
Бадик дарымы эмки адамдарга оору сакайтуучу касиеттүү нерсе болбой, элдик көркөм адабият катары эсептелип калды. Ошого, бадикти оору сакайтуу «дарым» деп пайдаланбай, эл ооз адабиятыбызда жаралган көркөм адабият деп пайдаланууну айта кетмекчибиз.
Бакшы көрүм ырлары
Бакшы көрүмү кыргыз эмчилигинде тээ эртеде башталган көрүнүш катары эсептелип жүрөт. Эң эртеде «бакшы» деген сөз азыркы тилдеги «окумуштуу, акын» деген түшүнүктө болгон. Бакшы өз кезинде көркөм сөз ойлоп чыгаруучу чеченден, дүйнөнүн жаралышы, табияттын кубулуштарын наристе элестетип көркөм образ жарата турган ойчул акындардан болгон. Ошондуктандыр, түркчө (Түркияда) азыр да акынды «бакшы» деп атайт экен. Бакшы сөзү монголчодо да ушул күнгө чейин «окумуштуу» деген түшүнүктө айтылат экен. Мында айта кете турган нерсе, ошол илгеркинин «бакшы» аталган окумуштуулары адамдарга жабышкан оору кандайдыр бир тышкы күчтүн таасири менен болорун баамдашкан. Жаратылыштагы заттардын, ээси, пирлери болот деген түшүнүк боюнча, оорулардын да ээси болот, ал ээлерин таап, адамга жармашкан ооруну айдатып чыгарууга болот деген түшүнүк менен ошого ылайык көркөм, касиеттүү сөздөрдүн тизмектерин курап чыгышкан. Ошол касиеттүү сөздөрдү бакшылардын «чымындары» аткарып, адамга жармашкан илдет, ооруларды айдап, кууп чыгат деп түшүнүлгөн. Ошондуктан бакшы көркөм ырларынын мазмуну ар кайсы заттардын пирлерин (ээлерин) чакырууну негиз этип куралган. Алардын эм-дом аракеттери жабышкан ооруга, илдетке сүр көрсөтүү аракеттерин иштеген. Аракет менен сөз касиети ооруга эм болот деп түшүнүлгөн.
Бирок, биз бакшы көрүмүндө айтылгандарды көрүп баксак, кыргыздардын дарым ырлары катарындагы бир түрдүү адабият экенин айкын көрө алабыз. Айтмак, бакшы көрүмү башка дарым ырларынан өзгөчө аткарылышы менен айырмаланып турат.
Бакшы көрүм ырынан үлгү көрсөтүүдөн мурда айтар сөз, бакшы көрүмүндө айтылган сөздөр адамдардын оорусуна, илдетине эм боло турган касиеттүү нерсе эмес, ал тек наристе элестетилген пир образдарына карата айтылган көркөм адабият деп түшүнүп, адабияттык туркудан пайдаланууга гана болот. Ушул замандын окурманы «бакшы көрүмүндөгү» айтылган сөздөрдү адабият деп түшүнүшүнө ишенебиз. Анда, бакшы көрүм ырларынан бирди көрүп багалы.
Ой, тоодон бир тоого учкандар, Ой, жылан бир камчы туткандар, Ой, жандыра суу ичкендер!
Ой, азирети Сулайман пирим,
Ой, дулдул атан дөө-пери мейман,
Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман,
Ой, ошол суу башы Сулайман, мейман,
Ой, Анжыянда ак жылан мейман,
Ой, Самарканда нар жылан мейман, Ой, Кабазыр мудур каяшыр мейман, Ой, Султан бир мудур, ой башыр мейман.
Ой, кара бир көздүү,
Ой, ширин бир сөздүү
Ой, келте бир бойлуу,
Ой, шынаа бир тиштүү, Ой, кочкор мүйүздүү, Ой, дөө-пери мейман.
Ой, муз тоодон жатып семирген мейман, Ой, муз тоонун музун кемирген мейман. Ой, томоголуу сарала куштун, Ой, томогосун алып коё кел мейман.
Ой, Ак буура келди буркурап мына ай, Ой, бириңе бириң ыйбаа кылбагын мейман.
Ой, чоң олуя улук кум Мазар,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн,
Ой, Кеңколду баскан Ак бура атан,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн,
Бакшы көрүм ыры мына ушул сыңары алдында перилерин чакырып, соңунан мазар чакырып ырдалат. Ырлардын мазмунунан кыргыздардын мифтик таанымын байкоого болот.
Бакшы көрүм ырларынын варианттары көп, мазмундары кенен, кээ бирлери аралатып терме, насыйкат берип айтат. Бакшы көрүм ыры аткаруучу муңдуу обону бар.
ТӨРТҮНЧҮ БАП
ЫРЫМ ТИЛЕК ЫРЛАРЫ
Сөз касиеттери кандайдыр бир сырткы касиеттүү күчтөргө таасир этип, натыйжа берет деген чын бүтүүчүлүк менен түрдүү ырымдарды, каалоо-тилектерди сөз күчүнө салып уйкаштуу айткан көркөм сөз тизмектери ырымтилек ырлар деп аталат. Кыргыздардын ырым-тилек ырларынын чыгыш себебин тээ алгачкы мифтик түшүнүгү, дүйнөнү таануудагы наристе элестетүүсү жана сөз касиетине чын бүтүрүүчүлүктөн болгон деп айтууга болот.
Ырым-тилек ырлар кыргыз эл ооз адабиятынын баштапкы түрүнө кирет. Кыргыздар ырым иштегенде, аны курулай эле иштебей, сөз касиети менен сыйкырдуу күчтөргө айтып, жалбарып, тилек иштеген. Ал сөздөр жөнөкөй аткарылбай көркөм адабиятка көтөрүлүп ыр түрүндө болгон. Ошону менен ырым-тилек ырлары жаралган.
Шарттуу түрдө «ырым-тилек» ырлары деп айтып отурган бул түргө ырым иштегенде айтыла турган ырлар; тилек тилегенде (мисалы, жаан-тилөө) айтыла турган ырлар; ак баталар; каргыштар жана анттар кирет. Бул ырлардын бардыгы кыргыздардын сөз касиетинин кандайдыр бир натыйжа чыгат деген ишениминен улам жаралып жаткан адабият болгондуктан, буларды бир топко ыйгарып, атын «ырым-тилек ырлар» деп атап отурабыз.
Төмөндө алардын ар бири менен айрым-айрым таанышып көрөлү.
Төлгө ыры
Төлгө салуу кыргыздарда эски ырымдардан болуп келген. Ал төлгөнү чечмелөө жөн эле сөздөрдөн болбой, ыр менен болгон. Төлгөнүн оң түшүшүн тилеген сөздөр да ыр менен айтылган. Ошондуктан, кыргыз адабиятында төлгө ырлары жаралган.
Төлгө ыры төлгөчүлөрдүн чыгармагерлик жөндөмүнө жараша түрдүүчө айтылат. Биз төмөндө кыска бир түрүн үлгү катары көрсөтөбүз.
Байгамбардын бал төлгө,
Таштанбектин таш төлгө,
Азиреттин алп төлгө,
Жолдо жолоочуну, Баскан-турганды көрбөй түш, Калп айтпа, жакшы түш.
Бешенеси беш түш, Оң колума ооп түш, Он эки таш атып түш.
Жаңы кийим кийгендеги ырым ыр
Жаңы кийим кийгизгенде баланын өмүрү кийиминен узак болуусун тилеген ырым колдонулуп, ошого жараша ырым ыры айтылган. Ал ырым ырынын кыска түрү төмөнкүдөй айтылган.
Итке жабуу, битке жабуу, Кийимиң күзгө жетсин, Өмүрүң жүзгө жетсин!
Сагызган сайрагандагы ырым ыры
Кыргыздардын түшүнүгүндө сагызган кабарчы катары каралат. Ал сайраганда кандайдыр бир кабарды айтып турат экен. Ал кабарды уккан адам оң жорушу, сагызгандын ак сайрап (жакшылыктуу кабар айтып) турушун тилеген. Ал тилеги ырым ыр түрүндө айтылып келген.
Мисалга кыска бир нускасын көрүп багалы.
Ак сайра, сагызганым, ак сайра,
Ак сайрасаң,
Өзүңдөй өпкө берем, Башыңдай май берем.
Ак сайрабасаң,
Өзүңө ок берем, Оозуңа бок беремин. Ак сайрасаң,
Оозуңа майлуу бок, Кара сайрасаң, Бооруңа темир ок!
Уктаардагы ырым ыры
Кыргыздардын мифтик түшүнүгү боюнча жараткан инсанатты уктатканда анын жаны денеден чыгып алыстарда жүрөт. Ал түш катары уктап жаткан адамга көрүнөт деп түшүнүлгөн. Уйкудан аман кобунун (ойгонуунун) тилектерин тилеген. Ырымдар жана ырлар пайда болгон. Уктаардагы ырым ыры мындайча түрдө айтылган.
Жаттым жаражан,
Коборгойсуң эсен-аман.
Бейиштин түбүндө бир түп дарак,
Жалбырагы гүлдүү барак,
Аны жети жолу окуп жаттым, Менден тозок оту ыраак.
Жаттым аманат Коборомун саламат!
Улуу суу кечкендеги ырым ыры
Суудан кечерде суу ээсине жалбарып, ага атап ырым кылып койсо, суудан аман-эсен өтөт деген ишеним болгон. Суу ээсине жалбарынган ырым көркөм адабиятка көтөрүлүп ыр түрүндө айтылган, анын кыска түрү мындай айтылат.
Агыны катуу дайрадан,
Жараткан өзүң колдоорсуң, Суу кечкенде жетелеп, Илияс пирим жолдошум. Шашылбай солгун кечиргин, Шайтанга наалат, жоголсун. Жаа, пирлерим, шар суудан Чымын жанды колдогун!
Жаан тилөө ыры
Жаан тилөө кыргыздардын мифтик түшүнүгү боюнча чыккан ырымдык көркөм адабияты болуп, жаратылыштагы кубулуштардын ээсине, атап айтканда «Көк теңирге» жалынып ырым жасап, ыр айткан.
Кыргыздар жаан жааса жакшылыктын жышааны деп эсептейт. Жаан жаратылышты жаңыртат, жаңы өмүр берет, «жаан менен жер көгөрөт» – деген таанымда болгон. Ошого, жаандын жаап турушун тилеген, күсөгөн, жаанды күткөн ырым ырлары көптөп жаралган. Алардын ичинен төмөнкүлөр менен таанышып көрөлү.
«Жайы таш» ыры
«Жайы таш» кыргыздардын эң эрте эле, мифтик наристе элестетүүсүндө пайда болгон түшүнүгү болуп, жаан жаабай кургакчылык болгондо «жаан жаадыруу» ырымы катары колдонулган.
«Жайы ташты» кыргыздар уйдун, койдун жумурунан таап, аны жаан жаадыруучу касиеттүү сөздөр менен дубалап алган. Жайы ташты сууга салып, «Көк теңирден» жаан тилеп жалбарган. Ал жалбарганы сөздөрдү касиет түүлөгөн, сөз тизмектерин тетири жайгаштырган. Ырым ыры болгон. Ал жайы таш ырым ыры төмөнкүдөй ай тылган.
Кара канын, Султаны аккуу
Кадуу менен туман абыраган ашкан.
Каранаттык боз булутту,
Теңирим сенден тиледим,
Апкан булут, бери кел, тез кел!
Булутум жетип кел!
Аа, аа аракетин арайын, Сиздин макинин быйнабайын, Каннын журтуш.
Нийсаран, мисаран, тарамун. Тарнашып, жалылен, шаман мосом, Якут, алдо акбар!
(«Кыргыз оозеки чыгармалар тарыхы очерки»
аттуу китептен алынды.)
Жаан тилөө
Ар кайсы мезгил оошкондо биринчи жаанды кыргыздар тозушуп, жаан жааганда төмөнкү тилек ырын айтышып алкаган.
Күн жаа, күн жаа
Күндөн күндөн көп жаа,
Карагай башын кайра жаа,
Арча шагын айра жаа,
Чекенде башын черте жаа,
Чийдин башын ийип жаа,
Төө куйрукка уюп жаа,
Жер жаанга сыйып жаа,
Төгүп төгүп куюп жаа, Ашкана толгон ак болсун, Малга жыргал бак болсун! Береке нуру чачылсын, Бейли элдин ачылсын!
Малдын, жандын ырысы,
Жаан жаап турушу,
Көксөп жүргөн элдердин, Жамгыр болот ырысы!
Дамбыр таш ыры
Дамбыр таш ыры көктөмдө биринчи жолу күн күркүрөгөндө айтыла турган ырым ыры болуп эсептелет. Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө күндүн күркүрөшү асмандагы перилердин аракетинен болот имиш, алгач күн күркүрөгөндө кубанычтуу тосуп алып, андан жаан-чачын тилөө ырымы ошол түшүнүктөн улам калыптанган түрү бар. Көктөмдө күн алгач күркүрөгөндө челекти көтөрүп даңгыратып урганча үй тегеретип «дамбыр таш» ырын айтып ырым жасашкан. Ал дамбыр таш ырынын кыскача түрү төмөнкүдөй айтылат.
Дамбыр, дамбыр, дамбыр таш, Дамбыр аткан кызыл таш.
Жамгыр жаады күркүрөп,
Челек тулга калдыр таш,
Күн күркүрөп көп жаа, Жер жарылып чөп чык, Желин айрылып сүт чык. Чебичегим челеңдеп, Челек, челек сүт бер.
Тоо жарылып от чык,
Токтучагым тороңдоп, Торочо, торочо сүт бер.
Байчечекей баш баксын,
Арык-торук кой, козу,
Көккө тоюп жан баксын, Жыл жаадырап эртелеп, Келишинен кайтпасын!
Ак баталар
Кандайдыр бир ыраазычылык менен башка бирөөлөргө, өз урпактарына чын ыкласы менен жакшылык каалап, тилек тилеп айтылган «жылуу сөздөрдүн» тизмектелип уйкаштуу айтылышы «ак бата ырлары» деп аталат.
Кыргыз эл ооз адабиятында ак бата ырлары «ырым тилек» ичиндеги орчундуу түр эсептелет, бата ырларын чыгыш кыргыздардын сөз касиетине чын бүтүү, кандайдыр бир тышкы күч тилекти кабыл алып, каалаганды берет деген түшүнүктөн улам болгон, ошол туркудан айтканда кыргыздардын бата тилек ырлары баштапкы адабият түрлөрүнөн болуп чыгат.
Кыргыздардын бата ырларында айтылган жылуу сөздөр, каалоо-тилектер, мазмунунун молдугу ынтымакырашкерликке абдан сонун кызмат кылып келди. Ошого кыргыз адабиятында бата ырларынын орду орчундуу бааланат.
Кыргыз бата ырларынын түрлөрү бир кыйла көп, булар түрдүү турмуштук соорундарда аткарылып эле калбай, кыргыз адабиятынын башка жанрларында да зор көркөмдүк каражат болуп келет.
Алып айтсак, кыргыз жөө жомокторунда ак батанын касиети менен көптөгөн каармандар, кейипкерлер ойлогон ой, көздөгөн мураттарына жеткен окуялар баяндалып, батанын эл турмушундагы орду орчунду сүрөттөлөт.
«Манас» эпосунда батанын касиети, эл турмушундагы кызматы абдан ырааттуу берилген. Мында айтылуу «Кошойдун батасын» алып айтсак, бул бата бүткүл бир окуянын өзөгү катары каражат болуп келет да, ал бата менен Каныкей эненин боюна Манастын уулу Семетей бүтүп, Манастын урпагы уланат. Ушуга окшош кыргыз эпосторунда да баталар көптөгөн жерлерде көркөмдүк каражат болуп жүргөнүн атап айтса болот.
Демек, бул бата ырларынын кыргыз адабиятында ээлеген ордуна жеңил желпи кароого болбой турган жанр экенин айтууга болот.
Төмөндө кыргыз бата ырларынын түрлөрү менен таанышып көрөлү.
Малга бата
Кыргыздар конокту малдан кан чыгаруу менен күткөн, коноктордун жагдайына карай түрдүүчө малдар союлган, ошол мал соёр алдында конокко бата кылдырган. Малга бата берүү ырынын чыгышы, аткарылышы мына ошол соорунда түзүлгөн. Мында түрдүүчө малга, сөз ыңгайын түрдүүчө буруп айткан түрү бар. Малга бата берүүнүн мазмуну элге, мал ээсине бакыт, жакшылык каалаган сөздөрдөн куралат.
Төмөндө малга бата берүүнүн ар бир түрүнөн бирден үлгү көрүп багалы.
1) Мал мууздаган бата
Айры мүйүз, ача туяк, Эрте бактык, кеч кайттык.
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден,
Жаның кудаага, Сообуң бакканга, Оомийин!
2) Койго бата
Телегейиң тегиз болсун,
Өрүшүң семиз болсун, Тубар малың эгиз болсун, Сойгон койуң семиз болсун!
Айдан-жылдан аман чыккын,
Элге-журтка жаккын,
Дасторкон менен пейлиңден, Шыбага, ырыс тапкын! Оомийин!
3) Эчкиге бата
Эчкиң тууса, улагы эгиз болсун, Эки жылда бир эчкиң сегиз болсун! Күзүндөсү көтөрүп сойгонуңда, Ичинен чара-чара май чыгып, Семиз болсун! Оомийин!
4) Тайга бата (жылкыга) Өрүшүңөрдө мал жайласын, Казаныңарда май кайнасын!
Үйүңөргө бакыт кушу конуп, Тайларыңар талааңарда тайраңдасын! Башыңардан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун, Баары туугандар эсен болсун. Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун, Коңшунар ыктуу болсун. Өгүзүңөр күчтүү болсун, Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын, Кылган ишиңер элге жаксын! Оомийин!
Дасторконго бата
Меймандос, жайыл дасторкон кыргыз элинин пейлине жараша, дасторконуна аккан суудай шаркыраган ак баталар жүрүп турган. Дасторконго ар бир адам өз жөндөмү, чыгармачылык шыгы боюнча отурган жерден шар коё берип, түрдүү бата ырларын жаратат. Ошого дасторконго берген бата ырларынын түрү көп, айтылышы ар түрдүү болот. Бирок андагы айтылуулардын мазмуну дасторкон ээсине жакшылык каалап, адамдык ыракматын билдирүүгө жыйынтыкталып турат. Төмөндө кыска түрүнөн бир ырды гана көрүп багалы.
Дасторконго берекелүү аш берсин, Маңдайына баркыраган бак берсин.
Ырыскың журттан ашсын, Башыңы таштан кылсын, Алганың менен тең кары. Кош болгондо ыйлагын, Эли-журтту сыйлагын!
Бата бердик жаш-кары,
Дасторконуң майлуу сүттүү болсун!
Оомийин!
Сапарга бата Жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң кызыр болсун. Эр Манас менен эр Кошой, Жолдошуң болсун!
Барган жериңде,
Күл кармасаң, күмүш болсун,
Топо кармасаң, алтын болсун!
Турган жериңе, Кетпес дөөлөт, Кең пейил берсин! Оомийин!
Келин жүгүнгөндө бата
Жаңы келин кайын-журтка келгенде, отко киргенде, кайната, кайненеге жүгүнгөндө төмөнкүдөй бата ыры айтылат.
Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын!
Аркаңды мал, дүйнө бассын.
Кудай ынтымак, ыраа берсин, Ызаттуу жаштан кылсын, Башыңарды таштан кылсын!
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары, Кош болгондо ыйлагын, Кайын-журтту сыйлагын!
Ак жолтой бол,
Алдың жарашсын, Ак элечек башыңдан ообасын! Оомийин!
Көчкө бата
Кыргыздар бала-бакырасынан көчсө, коңшусу көчсө, же көчкө жолукса аны бата ыры менен узаткан. Көчкө бата берген ыр мындай нускада айтылган.
Көч көрктүү болсун,
Жүк жуктуу болсун, Унаа кабыл болсун, Айлана адил болсун!
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун,
Келиниң келбеттүү болсун,
Жер-суу, тоо-таш.
Олуясы колдоп, Конушуң олжолуу болсун! Оомийин!
Жаңы тигилген өргөгө бата
Кыргызда баланы үйлөнгөндөн кийин, жаңы өргө тигип, чамгарактан баш ыргытып, уулун бөлөт. Ошондо жаңы өргө тигилгенге атайын той берет. Ошол тойдо мындай нускада бата ыры айтылат.
Жаңы өргөнүн,
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун,
Уугу учтуу болсун,
Уулу күчтүү болсун,
Керегеси кептүү болсун, Келини эптүү болсун! Оомийин!
Ууга жөнөгөндөгү бата
Кыргыздарда аң уулоо, мергенчилик кесиби эң байыркы чарбачылык түрлөрүнөн болуп эсептелет. Кыргыздар аңга чыгарда кайберендин жолуна, тоо-таш ээлерине жалбарып, жолун ачык кылууну тилек кылышкан. Ошондон улам ууга жөнөөрдөгү тилек-бата ыры жаралган. Ал төмөнкүдөй айтылат.
Кайберен ата чеберим, Сыйынамын мен сага. Менин жолум кайыптан, Жараткан өзү буйруган. Күндөп-түндөп көп басам, Буюрбассың күнүгө.
Арачалап жанымды, Тоо-ташындан тайгылтпа.
Кур кол кайра келбейин,
Кайберен аткан айыпка.
Аркар-кулжа аралаш.
Алдыма тушташ келе көр, Кайберен ата чеберим, Ырыскы колго бере көр! Оомийин!
Балага арналган баталар
Кыргыздарда бала төрөлгөндө эле түрдүү ырымдарды колдонуп, эсен-аман катарга кошулушун тилек кылган. Ошол тилектерин бата ырлары менен айткан. Алар төмөнкүлөр:
Оозантуу батасы
Быссымылла уракман урайым, Оозуна май салып турган умайым.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын,
Жети куйрук ашагын, Жетимиш аша жашагын. Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол!
Бешикке салуу батасы
Умай энедей болгон жоош ак байбиче оозуна боорсок тиштеп туруп, баланы жайлуу бешикке салат да, отургандар эмгекчи болсун деп, кетмен, балта, чот баштаган жети дыкты (эмгек куралдары), таар менен жык уктасын деп таарды жаап бөлөп, төмөнкү тилек батаны айтып бешикти терметкен.
Өөбай, өөбай ак бала, Ак бешикке жат бала. Бешигин кептүү болсун, Ата-энең эптүү болсун.
Энелүүдөн эрке бол!
Өмүрүң узун болсун.
Өрүшүң жайык болсун, Тукумуң журттан ашып. Тууганың канат болсун, Жети мүчөл жашагын.
Тартпа жоктун азабын, Билектүүдөн күчтүү бол. Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол! Өөбай, өөбай ак бала, Ак бешикке жат бала!
Азан чакырып ат коюу ыры
Кыргыздардын ырым ырларынын ичинде, азан чакырып, ат коюу ыры өтө көркөм айтылып, бөбөк эненин курсагынан жер эненин кучагына түшкөндө айыл аксакалы, же бөбөктүн атасы талаага чыгып (мейли кандай маалда болсун), азан чакырып, жер бетине, адамдарга сүйүнчү айтып, ат коёт. Ал эми ат коюу азаны жөн эле сөздөрдөн эмес, көркөм ыры түрүндө болгон. Төмөндө үлгүсүн көрүп багалы:
Аллоо акбар, аллоо акбар!
Алпейим дайым сактаар. Теңирим адам берди, Ааламга адам келди.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Кең пейилге перзент берди, Касиети бассын жерди, Берекети баксын элди. Көлөкөсү тапсын шерди, Азан айтып, атын коём.
Теңир берген затын коём, Уул болсо жоодон сактаар. Эне эмизген сүтүн актаар, Атаандашпай малын багаар. Жерин айдап, данын табаар, Атасынын мээнети кайтаар.
Алдына дулдул тартаар,
А кыз болсо – кырк жылкы;
Кийиз жасап, үйүн жабаар, Энесинин ишин алаар.
Гүлдөй гүлдөп сайма сайаар, Уул бекен, кыз бекен?
Ким болду экен?..
Уул экен! Уул экен!
Ааламга адам келди, Айыл, калаа, сүйүнчү! Арыштаар кадам келди, Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым!… …
Анакей отун келди!
Эмесе, атын коём:
Отун алып баксын элди! Жарыя айтам, Отунчу, Аты болсун Отунчу.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Оо, Отунчу! Отунчу…
Аты болду Отунчу!
Калк сабына кошулчу!
(«Кыргыздар» аттуу китептин 1-томунан алынды).
Кыркын чыгарган бата
Бала кырк күндүк болгондо «карын чачын» алып, кырк кишиден кырк кашык суу алып, аны киринте турган сууга кошуп ымыркайды киринтет. Ошол киринтип жатканда суу менен домдоп, төмөнкү тилек ырды айтат.
Кырк атаңдын жөрөлгөсү, Ата-энеңдин өбөлгөсү. Кырк уруу кыргыз ичкен суу, Кырк атабыз кечкен суу.
Кырк ашууну ашкан суу.
Кырк томолонуп келген суу.
Кыр таштарды кырккан суу, Кызыр атам таткан суу, Суудай таза бол!
Нурдай сулуу бол!
Ыраазычылык батасы
Ата-эне бала-бакырасынан ыраазы болсо, кары-картаңдар кандайдыр бир кишинин жардамына, жакшылыгына ээ болсо, чоң ыракматы чын ыкласы менен айтылган жылуу сөздөр болгон. Ошол ыраазычылыгы менен тигиге жакшылык каалап айткан. Уйкаштуу жылуу сөздөрдүн тизмеги ыраазычылык бата ыры болуп эсептелет. Ыраазычылык бата ыры ар бир адамдын чыгармачылык жөндөмү, аткаруу ыкласына жараша түрдүүчө чыгарылган. Бирок негизги мазмундай, ыктары төмөнкүдөй нускада келген.
Ак барчын, кызыл барчын, Тилиң кызыл болсун. Тилегиң узун болсун, Бак карасын башыңа. Кызыр даарысын ашыңа, Куру сайыңа суу аксын. Элиңе ишиң жаксын, Берекет берсин ашыңа. Кызыр келсин кашыңа, Узун өмүр жаш берсин.
Бала-чака башыңа! Оомийин!
Бата сураганда
Кыргыздардын бата ырларынын ичинде бата суроо да бир бөлүгүн түзөт. Малга бата суроо же дасторконго бата суроо болсун, бата кылардын алдында, мал ээси же үй ээси ыр менен бата сурайт. Ошого бата суроо да бата ырларынын катарына кирет, жана келип бата суроо ырынын сөз түзүлүш ыкмасы бата ырларына окшош келет. Мисал үчүн төмөндө кыска түрүнөн бирди көрүп багалы.
Оомийин деп көтөргөн билегиңди, Он манжа, сегиз мүчө сын сөөгүмү. Он сегиз миң ааламдын падышасындай, Кудай кабыл кылсын тилегиңди.
Кас каркылдап кечкисиз көл бол, Куш куркулдап өткүсүз бел бол.
Тукумуң журтка таанылсын! Илимиң башка толуп, Илебиң ташты жарсын!
Ак батаң так келип,
Жайыл дасторконго жаңырсын! Казаның кайнап турсун, Башыңан бакыт кетпесин! Оомийин!
КАРГЫШ ЖАНА АНТ ЫРЛАРЫ
Кыргыз эл ооз адабиятынын «Ырым, тилек» ырларынын ичинде «каргыш жана ант» ырларынын ээлеген орду бар, бир түргө кирет.
Каргыш жана ант ырларынын чыгышындагы мифтик түшүнүк, наристе элестетүүгө чын бүтүрүүчүлүк, сөз касиетин бек ишенүү бул экөөнө орток көрүнүш болуп, бул ырлардын баштапкы доордо пайда болгонун көрсөтүп турат. Жана келип, бул эки ыр түзүлүшү жагынан, айтылган сөз ыкмасы жагынан окшош болуп, бир эле түр кейиптенип көрүнөт. Бирок аткарылуу талабы, айтылуу жагы окшош болгондуктан, айрым-айрым таанышууга туура келет.
Каргыш ырлары
Ишенимсиз абалга кабылганда, кандайдыр бир кордук көрүп, аны жоюп, жоготууга чама, чаркы жетпегенде сөз күчү менен жексен кылууга бек ишенип, жаратылыштын ээлерине жок кылууга тапшырып айтылган уйкаштуу «суук сөздөрдүн» тизмектери каргыш ырлары деп аталат.
Каргыш ырлары адамдын жанына, бактына «суук» учур айта турган сөздөрдөн куралгандыктан, кишилердин рухуна таасир этүүсү курч болуп, ар кандай адамдын жүрөгүн сестендирет. Каргыш көркөм чыгарма кандайдыр керектүү соорунда курал катары урунулган.
Бир нерседен, калыстыктан кордук көргөн инсанат «көк ташка отуруп, көктү карап туруп» каргыш айтканда, адам жүрөгүнө найза сайылгандай сезишкен. Мындагы эң зор салмак сөз күчүндө болгон. Кыргыздардын мифтик түшүнүгү боюнча жаратылыштагы баардык эле заттардын ээси болот деп түшүнүлгөн да, каргыш сөздөрү мына ошол ээлерге «тапшыруу», ал ээлер «жок кылып» берүүсүн сурануу ыкмада айтылган. Кыргыз эл ооз адабиятында каргыштардын түрдүүчө айтылышы кезигет. Биз төмөндө «Манас» эпосундагы айтылган бир түрүн нуска катары көрсөтөбүз. Демейдеги кездерде айтыла турган каргыштарда ушул эле нускадагы сөздөрдөн куралып, ушул ыкмада айтыларын эскертебиз.
Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көк урсун.
Дайра, чалкар көл урсун, Жайнаган жапан чөл урсун. Жарык кылган түндөрдү, Асманда тийген ай урсун. Жердин бетин жашарткан, Жаан урсун, кар урсун.
Күн чагылып жаркылдап, Көтөргөн кызыл туу урсун.
Адамдын жанын татыккан,
Кантың урсун, бал урсун,
Жайкаган кымыз, чай урсун, Ак буудайдын наны урсун. Жети суунун жери урсун, Жел жетпеген пери урсун. Коргошундун кени урсун, Темир, болот даты урсун. Агарган күмүш ал урсун, Ак кагазда кат урсун.
Сууга бүткөн сал урсун,
Олуя деп атанган, Чоң ополдо чал урсун,
Сайып өнгөн бак урсун.
Салып чыккан там урсун.
Курт-кумурска, бөйөн-чаян, Жан-жаныбар баары урсун. Калың кара көп журттун, Каадасы урсун, салты урсун. Көрүстөндө көп арбак, Оройлору дагы урсун. Улуу жолдун чаңы урсун, Кайберендин пири урсун.
(«Семетей» Жусуп Мамай айтымы).
Жогоруда үлгү келтирилген каргыш ырынын түбү кыргыз эл ооз адабиятында жаралган каргыш ырларынын көркөмдүккө көтөрүлгөн үлгүсү эсептелет. Мындан бөлөк түрлөрү, айтылыштары окшобой турган каргыш ырлары да абдан көп. Алар кыргыз эл ооз адабиятында көркөмдүк ыкмага каражат болуп келет.
Айтмак, суук сөздөр менен айтылган каргыш ырлары кыргыз адабиятынын дагы бир өрүштө байып келгенин көрсөтүп турат. Ошого, кыргыз адабияты жөнүндө сөз болгондо каргыш ырларын көмүскөдө коюп кетүүгө болбойт.
Ант ырлары
Ант ыры бир нерсеге ишеним берүү максатында айтылган болуп ошол ишенимди кетирсе, айтканын аткара албаса, жаратылыштагы сыйкыр күчтөр өзүн урсун, жексен кылсын деген мазмунда айтылат. Каргыш менен анттын чоң айырмасы каргыш бирөөгө карата айтылат (кээде өзү карганып да калат), ант суук сөздөрү өзүнө карата айтылат да, ант сөздөрдүн касиетине бек ишенилип, аны актоонун аракетинде болот. Актай албаса «ант урат».
Кыргыздарда ант ыры айтылганда, ага коштоп кырк жибек кыюу, кан чыгаруу, нанга, тузга күбөлөп туруп айтуу ырымдары иштелип, ант ырына сүр киргизилген. Ант ыры айтылуу ажатына карай түрдүүчө чыгарылган, варианттары абдан көп, бирок айтылуу ыкмасы, колдонгон сөздөрү төмөнкү нускада болгон (каргыш ырына окшош, анын айырмасы «мен» болуп айтылат).
Анттан тайсаң, Төбөсү ачык көк урсун, Төшү түктүү жер урсун.
Суу бүтпөгөн чөл урсун,
Толкуган дайра көл урсун, Анттан жансаң эгерде,
Ак буудайдын наны урсун.
Эненин аппак сүтү урсун!
Түш жоруу ыры
Түш айтуу, түш жоруу кыргыз эл ооз адабиятында бир түрдүү ырым катары айтылып келе жаткан жанр.
Кыргыздардын наристе түшүнүгүндө, түштүн мойну эң эле ничке болот дейт. Аны жакшылыкка жорубаса, түштүн мойну оңго бурулуп, иш ийгилигине чалат имиш. Эгерим түштү жаман жоруса, түштүн мойну тескери бурулуп, иши оңуна тартпайт имиш. Ошого, түштү көрүнгөн эле кишиге айтпастан, жакындарына, кызыл тилдүү чечендерге айткан. Алар тилдин күчүнө, сөз касиетине салып, көркөмдүккө көтөрүп түш жоруган. Ошону менен түш айтуу, түш жоруу ыры, адабияты жаралган.
Кыргыздар баштапкы түшүнүк боюнча түштү «ак түш», жакшы түш, «кара түш», жаман түш деп экиге бөлгөн. Кара түштүн өзүнө туштук айтылыштары (мисалы, түндүгү сынуу, казаны сынуу) болгон. Андай түштү кара сууга айтып, ырым кылып түш оңолсун деп тилеген. Ак түш адамга касиеттүү нерселердин жолугушу менен айтылган (мисалы, арстан, төө, кашка суу көрсө ак түш болгон).
Кыргыз эл ооз адабиятында түш айтуу жана аны жоруунун өзү билген жомок катары адабий деңгээлде айтылган. Ошого түш айтуу жана аны жоруган окуяны бирден жомок катары эсептесек да болот, мисалы Манастын түшү өзүнчө бир жомок катары айтылат.
Түш айтуу жана аны жорууга байланыштуу макал-лакаптарда чыккан. Алып айтсак «эр карып, эшек төшөбөйт, катын карып була (пакта) төшөбөйт», «жыланды түшүңдө көрсөң – кенч, өңүңдө көрсөң жанч», деген макал-лакаптарда «эшек, пакта, жылан», түш көрсө ак түш катары, жорула турганы өзүнчө макал-лакап болуп калыптанган.
Кыргыздардын эпосторунда түшүнө аян берүү, түш айтуу, түш жоруу жогору адабияттык деңгээлге көтөрүлүп, окуяны баяндоонун каражаты болуп келген.
Демек, түш айтуу жана аны жоруу кыргыз эл ооз адабиятында өзүнчө ыр түрүндө гана айтылып калбай кадыресе, жомоктордо, макал-лакаптарда, эпостордо колдонулуп келген адабияттык түр эсептелет.
Түш айтуу жана жоруунун өз алдынча айтылуу ыкымы, сөз колдонуу эрекчелиги болот, биз түш айтуу жана жоруу ырынын үлгүсүн эпостордо айтылган түрлөрүнөн көрсөтүү ылайык деп карайбыз, себеби, эпосто айтылган түрлөрү жогорку көркөмдүккө көтөрүлгөн, орток мүнөзгө келген, тили бышкан үлгү катары каралат. Ал эми мында айта кете турган нерсе, түш айтуу, аны жоруу ар кимдин чыгармакерлик жөндөмүнө жараша түрдүүчө иштелип чыккан болуп, эл ичинде көптөгөн варианттар бар. Анда, түш айтуу жана түш жоруу ырынын үлгүлөрүн эпостордогу айтылыштарынан көрүп багалы.
Айчүрөктүн түш айтканы:
Түндө жатып түш көрдүм, Бир ажайып иш көрдүм:
Байланды буудан мамыга,
Тартынбай жерди кемирди, Байлоодо туруп семирди; Бул эмне болучу?
Бул түшүмдү жоручу. Буудайык конду туурума, Булбул конду талыма. Сайрабай боюм эриди; Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу.
Көсөө куйрук көк даңгыт,
Көчөнүн ичин жойлоду,
Көргөн иттер кыңшыды;
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Калыймандын түш жоруганы
Мен жоруймун түшүңдү, Оңдосун кудай ишиңди. Кудай колго бериптир, Ашык болгон кишиңди.
Байланса буудан мамыга,
Тартынбай жерди кемирсе,
Байлоодо туруп семирсе,
Булчуңу бука мойнундай, Буурул ат келе турганы, Мунун несин айтасын.
Буудайык консо тууруңа, Булбул консо талыңа,
Талпынбай күндү бүркөсө,
Арка жүнү ак бедер,
Ак шумкар турат колуңда, Анын несин айтасың.
Булбул өңдүү эр жезде, Семетей келе турганы, Көсөө куйрук көк даңгыт.
Көчөнүн ичин жойлосо, Көргөн иттер кыңшыса, Күлгөнү кыздын үнүндөй. Күлчоро келе тургандыр
……………………………….
Курманбектин түш айтышы
Түндө жатып түш көрдүм, Түшүмдө жаман иш көрдүм. Жүрөгүмдүн башынан,
Түк эрибес муз көрдүм. Ушул көргөн түшүмдү.
Өз башыма күч көрдүм.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Түндө көргөн түшүмдө,
Көөдөндү найза аралап.
Көкүрөктү жаралап, Көөдөнүмдөн кара кан. Көп куюлду салаалап,
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу.
Канышайдын түш жоруганы
Адамзат түндө уктаса, Ар бир түрдүү түш көрөт. Түбөлүгү түз болсун, Түшүндү кудай оңдосун. Түндөгү көргөн түшүңдү,
Оңдоптур кудай ишиңди. Көмөлөтө сайыпсың,
Түбүнөн кектүү кишиңди.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Көөдөнүң найза аралап, Көкүрөгүң жаралап. Көбүктөнүп кара кан, Көп куюлса салалап. Тең келе албай көп калмак, Качат экен салалап.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Жоруган түшүн кут болсун, Тууруна туйгун куш консун. Таалайыңа жалгызым,
Талабың туура туш болсун!
(«Курманбек» Жусуп Мамай айтымы)
БЕШИНЧИ БАП
ЭМГЕК ЫРЛАРЫ
Эмгектен жеңилденүү, сеп алуу максатында эмгекке коштоп, иш ыргагына шайкеш айтылган уйкаштуу көркөм сөздөрдүн тизмеги эмгек ырлары деп аталат.
Кыргыз эл ооз адабиятынын ичинде эмгек ырлары баштапкы түрү, мазмунунун молдугу менен орчундуу орунду ээлейт. Эмгек ырлары тээ уруулук коомдун алдындагы баштапкы доорунда эле жаралганы, кыргыз эл адабиятынын баштапкы түрлөрүнөн экени белгилүү.
Кыргыз эл ооз адабиятында эмгек ырларынын түрлөрү абдан көп болсо керек. Бирок бизге жетип келгени, малчылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк эмгектерине байланыштуу аз гана нускасы жетип отурат. Айтмак, ал бизге жеткен түрлөрү тээ баштапкы доордо айтылган нускасы боюнча эмес, кийинки доорлордун кошундулары менен жабдылып, бир кыйла бурулган (түрлөрү боюнча). Бизге жеткен бул эмгек ырларынын түрлөрү кыргыз эл ооз адабиятынын түрлүү, түстүү болушун камдап гана калбай, кыргыз элинин эмгекчил экенин туюнтуп турат. Төмөндө эмгек ырларынын бизге жеткен түрлөрү менен таанышып көрөлү.
Малчылык эмгек ырлары
Мал чарбасын өнүктүрүү эмгектерине коштолуп чыккан, эмгекти жеңилдетүү, эмгектен сеп алуу максатында айтылган көркөм адабияттын күнү малчылык эмгек ырлары деп аталат. Малчылык эмгек ырларынын чыгыш тарыхы кыргыз эл ооз адабиятында тээ эрте доордун табылгасы болуп эсептелет.
Тарыхында «мал киндиктүү» кыргыз элинин коомдук өнүгүүсү мал чарбасына төтө байланыштуу болгон мал чарбасын өздөштүрүү, өнүктүрүүдө көптөгөн эмгектер иштелген. Ошого жараша, көптөгөн эмгек ырлары жаралган. Төмөндө бир нечеси менен таанышып көрөлү.
Бекбекей
Бекбекей ыры короо кайтаруу эмгекте коштолуп чыккан эң байыркы эмгек ырларынан эсептелет.
Көчмөн чарба менен болуп келген кыргыз элинде кой өстүрүү тиричиликтин маңыздуу бир салаасына айланган. Койду көбөйтүүдө аны бөрү жана башка жырткычтардан кайтарып алуу милдети болгон. Бекбекей ырынын мазмунуна караганда, короону түндөсү кыз-келиндер кайтарган. Ошол короо кайтаруу эмгегинде Бекбекей ыры жаралган.
Бекбекей ырынын жаралышы эки нерсенин зарылдыгынан болгон түрү бар: биринчиден, таң атканча короо кайтаруу, уктабай жүрүү, оор эмгекте өзүн жоокалатуу, уйкудан алаксытуу үчүн ыр айтуу зарылдыгы туулган. Экинчиден, бөрү, жырткычтардан короону кайтарууда үн салып, кыйкырып, табыштап жүрүү зарылчылыгы болгон. Ошого ырды жөн эле айтпай обондотуп, арасына «ээ-э, эй, уу-уй» деген кыйкырык кошуп, обон салуу керек болгон. Бекбекей ыры короо кайтаруу эмгегинин ажатына ылайык жаралган ыр десек болот.
Ал эми «Бекбекей» деген сөздүн азыркы кыргыз тилиндеги мааниси изилденип табыла элек, бирок Бекбекей ырынын мазмуну, түшүнүгү боюнча, ар бир малдын ээси, пири болот деген сыяктуу короонун да ээси, калкалоочусу болуш керек деген түшүнүк келип, короонун ээси «Бекбекей» (Бектен бек сактоочу) деп, аны адам сыңары наристе элестетип образ жараткан да, Бекбекей ырындагы сөздөр ошол короонун ээси болгон Бекбекейге каратылып айтылып, Короо Пирине жалынышып, короону, койду аман-эсен коюусун тилеп турган.
Бекбекей ыры мазмуну, түшүнүгү жагынан болсун, же ичиндеги кээ бир байыркы сөздөрдүн жолугушунан болсун, эң эртеде жаралган эмгек ыры болуп эсептелет.
Кыргыз эл ооз адабиятында Бекбекейдин айтылыш түрлөрү эң эле көп. Төмөндө кыскараак айтылган түрү менен таанышып көрөлү.
Бе-к-бе-кей, ууй! Бекбекей! Кумга чыккан чечекей, Куюлушкан Бекбекей. Ташка чыккан чечекей, Талыкпаган Бекбекей.
Ийнемдин учун майтардым, э-эй!
Бүгүн бир короо кайтардым, э-эй!
Ийнемдин учун түзөттүм, э-эй!
Ишенбей короо күзөттүм, э-эй! Уугумдун учу долоно,
Ууру да, бөрү жолобо!
Уугумдун учун учтаймын,
Ууру бир келсе уңжуңдап,
Башын бир айра муштаймын! Бе-к-бе-кей, уу! Бекбекей! Күнгөй менен Тескейдей, Бет алышкан Бекбекей. Көгүлтүр көлдөй чайпалып, Чеп алышкан Бекбекей. Короомдун чети таман жол, Кайтарган коюм аман бол. Кыз, келин короо кайтарган, Кадимден калган салт ошол. Күнгөйдүн бети таман жол, Күзөткөн коюм аман бол.
Күзүндө короо кайтарган, Илгертен калган салт ошол. Бөрү келсе муштайбыз, Бөйрөгүн жара муштайбыз. Бекерчи келсе уштайбыз, Бетин айра муштайбыз.
Өгүзгө чалып байлайбыз,
Өкүртүп жатып байлайбыз.
Төөгө чиркеп байлайбыз!
Төбөгө чаап айдайбыз!
Бе-к-бе-кей, ууй!
Бекбекей, уу! Бекбекей! Ала байтал тактекей, Айкалышкан Бекбекей.
Кула байтал тактекей, Куюлушкан Бекбекей.
Көктөн бир булут сөгүлөт, Көнөктөп жамгыр төгүлөт.
Куйруктуу кара токтуну,
Куудул, шуудул түгөнгүр,
Куткарбайм деди көрүнөт, Асмандан булут сөгүлөт. Аяктап жамгыр төгүлөт, Ак ала чалыр ирикти.
Араандай болгон онбогур, Аңдып турат көрүнөт.
Бе-к-бе-кей, ууй, Бекбекей!
Аксай менен Көксайдай, Таш алышкан Бекбекей, Арпа менен буудайдай, Баш алышкан Бекбекей.
Бүгүн бир айдын он беши,
Сарыбашыл улак төл башы, Салпылдаган бөрүнүн, Сайда калсын куу башы. Күн санасам он беши, Күрөң козу төл башы. Күкүм талкан болсо экен, Көк чунактын куу башы. Эл көчөрдүн белгиси, Карача каймал буркурайт.
Таңатардын белгиси,
Тараза жылдыз жаркырайт, Үркөр жылдыз үч жылдыз, Күзөткөн коюм алты жүз. Алты айланып келгиче, Алты аркар жылдыз батпайбы. Таң сөгүлүп атпайбы, Кайтарган коюм жети жүз. Жети айланып келгиче,
Жетиген жылдыз батпайбы. Таң кашкайып атпайбы! Күзөткөн коюм үч-төрт жүз, Үч айланып келгиче.
Таң үйрүлүп атпайбы!
Бе-к-бе-кей, уу, Бекбекей!
Кара тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей, Кара макмал тонуңа.
Жең болоюн Бекбекей.
Кызыл Тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей,
Кызыл жака тонуңа,
Жең болоюн Бекбекей. Иче турган ашыңа, Бал болоюн Бекбекей. Мине турган атыңа, Жал болоюн Бекбекей. Көлөкөлөп олтурсаң, Таң болоюн Бекбекей.
Ай чырайлуу бетиңе,
Кал болоюн Бекбекей.
Бе-к-бе-кей, уу! Бекбекей! Бекбекейим бек айтам, Бейли жакшы койго айтам. Бекбекейим бел ашты, Белиңе белбоо жарашты. Саксакай ашты, сак ашты, Санына саадак жарашты. Минген атың ак кашка, Канжым кайыш ак тасма. Карап турган карышкырдын, Тумшугу тийсин ак ташка.
Минген атым көк кашка,
Канжыгам кайыш көк тасма, Көрүп турган уурунун, Мурду тийсин көк ташка. Жылкынын ичи жык текей, Шыңгыроолуу Бекбекей. Колоттун ичи кой текей, Конгуроолуу Бекбекей. Жылганын башы жыл текей, Жылаажындуу Бекбекей. Коктунун башы кой текей, Коңгуроолуу саксакай.
Бе-к-бе-кей, уу, Бекбекей! Карачакан байдубал.
Кайтарбасак малга убал,
Кызыл чакан байдубал,
Кыйкырбасак малга убал, Түндө жортуп жүгүргөн,
Түлкүнүн буту сөгүлсүн.
Түнкү уйкуну үч бөлгөн, Түгөнгүр каның төгүлсүн! Унжуңдап түндө аңдышкан, Уурунун буту сөгүлсүн. Таттуу уйкуну так бөлгөн, Улума каның төгүлсүн! Койдун сүтү коргошун, Кой уурдаган оңбосун!
Эчкинин сүтү эрменде, Эчки уурдаган шерменде. Жылкынын жүнү жылтырак, Жылкы уурдаган куу туяк. Төөнүн жүнү улама, Төө уурдаган сулама.
Төгөрөк түндүк төөнүкү, Төрт булуң саба бээники.
Бе-к-бе-кей, уу, Бекбекей! Кайтарган короом сак болсун, Эртең бир бетим ак болсун!
Шырылдаң
Кыргыз эл ооз адабиятындагы эмгек ырларынын ичинде «Шырылдаң» жылкы чарбасын өстүрүү эмгек барышында чыккан эң эски ырлардан болуп эсептелет. Шырылдаң ырынын чыгышы жөнүндө эл ичинде айтылган уламыш сөздөр ар түрдүү айтылып келген. Кээ бирөөлөрдүн айтуусунда, «Шырылдаң» Камбар атанын ыры болгон имиш, бул ыр текстинин өзүнөн алып караганда, «ташка таруу бүткөндө, талаша чыккан шырылдаң, кумга конок бүткөндө кошо чыккан шырылдаң» болгон. Ушул сөздөргө караганда, шырылдаң ырынын чыгышы эң эрте экени белгилүү болуп турат. Ал эми «шырылдаң» деген сөздүн кыргыз тилиндеги мааниси да тактала элек.
Шырылдаң ырынын аткарылышы, айтылуу шарттарынан караганда, шырылдаң жылкычылардын «айттоо» майрам күндөрүнүн ырларынан болсо керек. Андай дешке себеп, бул ыр ар бир үйгө кыдырып, айттап жүрүп айтылат. Бирок шырылдаң ырынын чыгыш теги, ал сөздүн мааниси жөнүндө изилдөө мындан аркынын иши болуп турат.
Шырылдаң ырынын курулмасы үч түрдүү мазмундан түзүлөт. Биринчи курулмасы, шырылдаңдын салты экени, ал жылкычынын ыры экени айтылып, шырылдаң тааныштырылат, экинчи курулмасы мактоо болуп, айттап барган үйдүн жөн-жайын атап мактайт. Үчүнчү курулмасы, бата болуп, айттап барган үйгө ыраазычылыгын билдирип ак бата берет, же нааразы экенин билдирип, жамандап ырдайт, каргайт.
Кыргыз эл ооз адабиятында шырылдаң ырынын айтылыш варианттары көп, кээ бирөөлөрүндө терме, санат ырлары менен камтылып айтылат.
Шырылдаң ырынын турактуу обону бар. Ар бир сап ырынын соңунда «эй» деген сөз обондолуп айтылып, үй ичиндеги адамдарга кайрылуу маанисин берет. Шырылдаң ыры көбүнчөсү түндөөсү аткарылгандыгы жөнүндө маалымат бар.
Төмөндө шырылдаң ырынын бир түрү менен таанышалы.
Саап, саап сабайлар эй, Салам айттык агалар, эй.
Бөртө, бөртө, бөртөлөр, эй. Бөртө байтал сур чалар эй,
Чалып салың камандар, эй, Жатып алсын жамандар, эй, Угуп алсын агайлар, эй.
Билип алсын жеңелер, эй. Шыпшырылдаң шыркы экен, эй, Жылкычынын ыры экен, эй.
Ташка таруу бүткөндө, эй.
Талаша чыккан шырылдаң, эй. Кумга конок бүткөндө, эй,
Кошо чыккан шырылдаң, эй.
Адыр, адыр тоолордон, эй.
Айгыр минип биз келдик, эй. Айгыр оозун тарта албай, эй, Ага үйүнө туш келдик, эй.
Ага эмне союптур, эй? Ага баккан коюн союптур, эй, Бизге эмне коюптур, эй?
Карчыга, төшүн коюптур, эй. Агаң өзү үйдө бекен, эй, Үйдө болсо үн берсин, эй.
Ак боз аты боода бекен, эй, Боода болсо болкусун, эй, Боору жүнү толкусун, эй. Ак боз аттын үстүнө, эй, Ак жак ичмек жарашат, эй. Ак жак ичмек үстүнө, эй,
Көкчө токум жарашат, эй, Көкчө токум үстүнө, эй.
Көмкөк ээр жарашат, эй. Көмкөк ээр үстүнө, эй, Кымкап көпчүк жарашат, эй.
Кымкап көпчүк үстүнө, эй. Агам өзү жарашат, эй. Агам өзү колунан, эй, Албарс кылыч жарашат, эй. Албарс кылыч чабарга, эй.
Душман башы жарашат, эй. Душман башын көмөргө, эй, Боз топурак жарашат, эй. Боз топурак үстүнө, эй. Байчечекей жарашат, эй, Байчечекей терерге, эй. Эчки коюң жарашат, эй, Эчки, коюң багарга, эй. Эркек балаң жарашат, эй, Эркек бала колуна, эй.
Эмил таяк жарашат, эй, Эмил таяк чабарга, эй,
Эткел коён жарашат, эй. Эткел коён саларга, эй. Кара казан жарашат, эй, Кара казан асарга, эй.
Кайчы тулга жарашат, эй, Кайчы тулга асарга, эй. Чекем өзү жарашат, эй. Берекелүү колу бар, эй, Пери кызындай салты бар, эй.
Келип калдык эшикке, эй,
Кочкордой уул берсин бешикке, эй Жеңем өзү уз бекен, эй?
Үйү толгон кыз бекен, эй? Үйүң, үйүң, үйүңдүр, эй, Үйүңдүн көркү кызыңдыр, эй. Кызың эмес, чийиңдир эй,
Кызыл-тазыл түгөндүр, эй. Аны билген өзүңдүр, эй. Уздун өзү жеңекем, эй, Мал дүнүйө жагы кең экен эй. Казан-аяк калдырайт, эй, Курут салып атат бекен? Бычак учу жылтырайт, эй, Май томуруп атат бекен? Айт десеңер айтабыз, эй, Кайт десеңер кайтабыз, эй.
Өзүбүз билген жылга жол, эй, Жыла-жыла кетебиз, эй, Жылкыбызга жетебиз, эй.
Боордогу боз колун, эй,
Бото ширге салабыз, эй, Саап сүтүн алабыз, эй,
Чоң сабага куябыз, эй.
Кылкылдап жутуп турабыз, эй.
Төбөдөгү төрт жылдыз, эй, Бата калып баратат, эй,
Минген атым жаш эле, эй, Жата калып баратат, эй. Шыпшырылдаң шыр экен, эй, Жылкычынын ыры экен, эй. Карылардын наркы экен, эй,
Кадимкинин салты экен, эй, Кадыр түндө какшаган, эй,
Жигиттердин айты экен, эй.
Балдар, балдар кайталык, эй,
Башка айылга айталык, эй, Буга бата берелик, эй, Агам көөнү жай болсун, эй, Чайкаганы бал болсун, эй.
Ичкени кымыз, май болсун, эй. Жегени куйрук, жал болсун, эй, Жамынганы зарча болсун, эй.
Агамдын мингени буудан болсун, Балдарынын мингени кунан болсун. Короосуна кою толсун, Желесине бээси толсун. Айры өркөчтүү төөсү толсун, Төрт түлүгү тептегиз болсун! Оомийин!
Шырылдаң айтып барган үйдөн айттап барган шырылдаңчылар нааразы болсо, салт билбеген бакылдарды кордоп ырдаган, же батанын ордуна каргаган. Төмөндө шырылдаңчылар ырынын соңку курулмасынын каргыш түрүндө айтылышын көрүп багалы.
Түн катып келдим айлыңа,
Кебиң өтпөйбү зайыбыңа.
Чыгалбадың эшигиңе,
Уул тургай, кыз бербесин бешигиңе. Үйүңө келип бука сүзсүн, Үмүтүңдү кудай үзсүн! Уйку аралаш оору тийсин, Үйүңү тоноп ууру кирсин.
Коюңу кырып бөрү тийсин,
Ушундай болмок бакыл деп.
Эл-журттун баары күлсүн! Оомийин!
Мал телүү ыры
Малчылык эмгегинде түрдүү малдарды телүү түйшүгү бир кыйла орунду ээлейт. Мал телүү эки түрдүү жагдайда болгон: бирөө, өз баласын жериген малдарга баласынын телүүсү, экинчи бирөө, жетим калган жаш малды башка энеге алынтуу болуп эсептелет. Бул түйшүктү иштеген малчылар телүүнүн түрдүү аракеттерин жасоо менен бирге, малга адамча ыр менен кайрылып, алынып калуусуна насаат айткан. Тил билбеген, сөз укпаган айбанга ыр айтуу, биринчиден, мал телүү түйшүгүн жеңилдетүүгө арга болсо, экинчиден, ыргактуу добуш менен айтылган обон айбандын көөнүн көйүтүүгө себин тийгизген түрү бар. Мал телүү ырларынын ичинде кой, эчки телүү ырлары бир кыйла кеңири түрдө айтылат. Кадыресе, кой, эчки телүү түйшүгүн иштеген адамдын чыгармачылык жөндөмүнө ылайык түрдүүчө ыр чыгарылган. Биз төмөндө кыска түрлөрүнөн үлгү көрсөтүүнү ылайык көрдүк.
Кой телүү ыры
Түгөй, коюм, түгөй, ме Менин коюм алынча ак. Ала мончок салынчаак, Алынсаң алты күн. От жерге айдап багабыз, Алынбасаң алты күнү. Керегеге таңабыз; Түгөй, коюм, түгөй.
Кекире жесең кепшеп бер, Шыбак жесең шыпкап бер.
Өз энеси таарынчаак, Өгөй энеси алынчаак, коюм. Түгөй, коюм түгөй,
Өз балаңды ала кой, коюм. Мээр эмчегиң сала кой, коюм, Өз балаңды жерисең. Өз башыңа көрүнөт, Түгөй коюм, түгөй!
Эчки телүү ыры
Чучуу, чучуу,
Пааша мүзүрүң,
Улагыңды албасаң, Уруп жатып өлтүрөм. Эмчегиңди бербесең, Этиңди кесип өлтүрөм.
Чучуу, чучуу!
Башы жакшы эчким. Багып калат баласын, Көзү жакшы эчким.
Көрүп калат баласын! Чучуу, чучуу!
Кой кошок ыры
Малчылык эмгегинде сүт сааш негизги эмгектердин катарына кирет. Койду сааганда кошокко тартып сааш ылайык болгон. Ошол кошок тартылып болуп, сүт сааш эмгеги башталганда төмөнкү тилек ыры менен башталган.
Кызыл кандан айрылган,
Аппак сүтүн бергиниң, Чолпон ата баш болуп, Кошокту колдоп бергиниң! Пендеге берген ырыскы, Берекесин бергиниң!
(«Акчий эл ырларынан» алынды) Козу байлоо ыры
Мал чарбачылык эмгегинде, козу байлоо, кой сааш эмгеги иштелет. Козу байлоо түйшүгү бир кыйла оор болот. Мына ошол эмгектен өзүн сеп алдыруу үчүн, козу байлоо ыры чыккан. Ал төмөнкүдөй айтылган.
Көгөн, көгөн дегенде,
Көгөнгө барып башың сал, Алмай-келмей байланып, Апакай козум, жоошуп кал. Көгөнүңдүн башында,
Тегерек куйрук төл башчы.
Быйыл малым көбөйөт, Тап башы козум ургаачы. Ак токтумдун козусу,
Ак чегиртке, чоң курсак.
Бош байласаң бошонот.
Мойнуна келбейт боз бурчак.
Тоодон учуп сакайган,
Төкөр койдун как шыйрак,
Анын арка жагынан, аркар мүйүз,
Жуп жатарда туулган,
Төрт мүйүздүү боз кашка, Сүзөгөн болуп каларбы, Үлүрөйүп бир башка.
Үксөк баштын козусу,
Сүрдүү кочкор болоорбу, Алкымында кош сөйкө, Аны сойгон оңорбу.
Эне бөлөк, эки ача,
Эгиз туулат кууганы,
Ырың болот килейген, Мунун урук тууганы.
Кичинекей жылбырска,
Кибирейген кенжегим,
Колуңдан нан талашып, Бирге ойногон эрмегим.
Ара туулган араңжан,
Ала бөйрөк, кыңыр бут, Тебетейдей зампалап, Сен туулганда болду жут. Ырдап козу байлайын, Ырыска шерик баламын. Кайтарган козум аман бол, Ак жолтой менин таягым.
(«Акчий эл ырларынан» алынды)
Эн салуу ыры
Кыргыздар мал чарбачылыгында менчик малына эн салып багуу адаты тээ уруулук коомдон башталган болуп, бир уруунун менчик малына бир түрдүү эн салынган.
Мал өстүрүүдө малга эн салып ээлик кылуу бир түрдүү эмгек катары саналып, эн салуу эмгек ыры коштолуп кошо чыккан. Ал ырдын түрү көп, ар башка нускада айтылат. Төмөндө үлгү катары бир түрүн көрүп багалы.
Батыркандын бакан эл, Бап жарашкан чакан ал.
Тилекматтын тилмеси,
Ормонбайдын оймосу,
Тоймотбайдын малында,
Топчулама эни бар, Абдан байкап билбесе, Аздырып кетчү жери бар.
Ашкере турат кулакта,
Аркарбайдын кыймасы, Кошмок эн салып алыптыр, .
Коёналы сырдашы.
Кулагында кош тамга,
Кубулжуган шок тамга, Тумшугун туура кайраган, Турбастан ачык таанылган.
Санына баскан тамгасы,
Жарашат экен бодого, Жылкыбыз азоо, үркүнчөөк, Жыга тебет жолобо.
Жакшынакай эн салдым,
Малың эми жоголбойт,
Өз малымды талашкан, Акыры түбү оңолбойт!
(«Акчий эл ырларынан» алынды)
Желе тартуу ыры
Бээ байлап, кымыз ачытуу эмгегинде желе тартуу, желеге кулун байлоо түйшүгү иштелет. Желе тартуу эмгеги төмөнкү тилек ыр менен башталат.
Кулун, тайым жөрөлгөлүү болсун!
Кымызды ичкенге буюр, Желе боом кең болсун, Көнөгүмө сүт толсун. Желе боомо кызыр даарып, Үй ичине кут консун! Бүгүн колум байладым, Камбар атам колдосун.
(«Акчий эл ырларынан» алынды)
Дыйканчылык эмгек ырлары
Кыргыз эли тээ эртеде эле мал чарбасы менен кошо дыйканчылык чарбасын тутунуп келген. Дыйканчылык чарбасын өнүктүрүү эмгектеринде бир кыйла тажрыйба жаратып, эгин өздөштүрүүнүн уусун билип кеткен. Бирок өндүрүш куралдары бечел илгерки коомдо дыйканчылык эмгектери абдан оор болгон. Адамдар эмгектенгенде аябай чарчаган. Ошондо өздөрүн эмгектен жоокалатуу, эмгектен сеп алуу аргасын көркөм адабияттан таап, эмгектен тербелине жараша ыргактала турган ырларды жаратып, эмгекке коштоп обондотуп айта жүрүшкөн.
Ошол ыр менен өздөрүнө медет, кайрат тилеп, көркөм адабияттын үзүрү менен эмгектен жеңилгендей сезилген. Ушундай ажаттуулуктан кыргыз эл ооз адабиятында дыйканчылык эмгек ырлары жаралган.
Кыргыз эл ооз адабиятында дыйканчылык эмгек ырларынын түрлөрү бир кыйла бар. Бирок колдо бар материалдарга негиз төмөнкүлөрдү гана тааныштырабыз.
Үрөн сепкендеги ыр
Кыргыздардын илгерки жер эгүү эмгегинде үрөн себүү маңыздуу орунда болгон. Дың жерге үрөндү кол менен чачып, андан соң буурусун менен чийип койгон. Ошондой жөнөкөй эгүү аргасы эгиндин өсүшүнө зор күч талап кылган. Ал кездин адамдары эгинди жумшак эгип, бар бештөөдөн мол түшүм күтпөй, мол түшүмдү кандайдыр бир сыйкыр күч, ээ, пирлерден күткөн. Кыргыздардын үрөн себүү ырлары мына ошол түшүнүк боюнча чыккан түрү бар. Алар үрөн себээрде төмөнкү нускадагы ырды айтып, анан эмгегин баштаган.
Күчкө кирсин билегиң, Кабыл болуп жайында, Оңго тартсын тилегим!
Үрөн алдым колума,
Тилек кылып жерге себем, Дыйкан баба, аты салам, Тепсесе экен.
Дыйкандардын дүрбөнү,
Ак буудайдын үрөнү,
Жараткандын наркы үчүн,
Жан-жаныбарлар акы үчүн, Үрөн септим жериме, Дем кошулсун демиме.
Шамыянын шайлатып,
Кош өгүзүн айдатып,
Кара жерди аңтарып,
Кара жерди каңтарып Буурусунду буктуруп,
Кара жерге суктуруп,
Жердин бетин ачалы,
Жерге үрөн чачалы,
Жаражандын наркы үчүн,
Арыйна-чагыйнанын акы үчүн, Үрөн чачтым жериме,
Дем кошулсун демиме.
Орок ыры
Эгин оруу эмгегин коштоп, оруу түйшүгүн жеңилдетүү максатында өндүргүч курал болгон. Орокко кайрылып мындай ыр чыккан.
Ор, орогум, оргунуң,
Ормочудан болгунуң, Оңой түгөйт ормобуз, Ортодон туура ойгонуң.
Чал орогум, чалгының,
Солду таза алгының,
Арпа, буудай таштабай, Боого таза салгының.
Чал орогум, чалгының
Чалдан артта калбайын, Чабал болуп орокко, Жалкоо атка калбайын. Ор, орогум, оргунуң,
Ортодо жолдо калбайын, Оро албады дегизип, Осол атты албайын. Ор, орогум, оргунуң, Ормочудан озгунуң!
Оп-майда
Дыйканчылык эмгек ырларынын ичинде, кырман бастыргандагы эмгек ыры «Оп-майда» деп аталат. Илгери кырман бастырууда жылкыны мамыга кошуп айдап бастырган. Ошол кырман басып жаткан унааны айдоо ошол жүрүшкө ылайык ыргактуу айтылган обондуу ыр «Опмайда» болгон. Кыргыз эл ооз адабиятында «Оп-майда» ырынын түрү көп, ар кайсы адам өз жөндөмүнө карай ыр чыгарып «Оп-майда» ырын арбыткан. Бирок алардын орток мазмуну төмөнкүдөй айтылган.
Майда, майда, оп-майда, Майдаласын атты айда.
Саманы аттарга пайда,
Кызылы бизге пайда. Кызыл толгон кырманды, Сузалы эми капкайда! Бекер жатсаң жан багып, Таба албайсың эч пайда. Майда, майда, оп-майда, Орой, орой басканың.
Ороо толсун оп-майда, Кырча, кырча басканың.
Кырман толсун оп-майда,
Орой, орой, оп-майда,
Ортолосун оп-майда,
Улоолорду кошпосок,
Кайда болсун бул майда,
Орой, орой, оп-майда,
Ойдогудай майдала,
Ылдам, ылдам баспасак, Оп-майдадан дан кайда.
Кар алдында калбасын,
Катыраң басып майдала, Кар алдында калганда, Калкыбызга дан кайда?
Куруй, куруй куп майда,
Кургак болсун оп-майда, Кызыл данды сузалы, Коңшуларым капкайда? Олуялар колдосун,
Орой, орой, оп-майда,
Оор-жеңил басса да,
Ороо толсун оп-майда,
Кырча-кырча басканда,
Кырман толсун оп-майда,
Кызыр колдоп сыйласа,
Кырк таар толсун оп-майда,
Оп, оп-майда, оп-майда,
Тилек кылдык кудайга, Мөндүр урду арпаны, Береке берсин буудайга. Арып-ачтым бул жайда, Баба-дыйкан бар болсо,
Бир карашар ал-жайга. Соп, соп, майда, соп майда, Сузалы, бол, капкайда? Суусун бергин соопко, Суусап кеттим бул жайда. Майда, майда, мапмайда, Бекер жатсаң аш кайда? Кызыл толгон кырманды, Майдаласын атты айда.
Оп-майда, оп-майда,
Майдалай бассаң жаныңа пайда.
Орой, орой басканың,
Ороо толсун, оп-майда,
Орокчунун балдары,
Нанга тойсун, оп-майда,
Кырча, кырча басканың,
Кырман толсун, оп-майда,
Кырманчынын балдары,
Нанга тойсун оп-майда, Майда, майда, мапмайда, Кулактарың калкандай майда.
Туяктарың талкандай майда.
Майдаласаң жаныңа пайда. Оп-майда, оп-майда!
Кол өнөрчүлүк эмгек ырлары
Кыргыз элинде кол өнөрчүлүк кесиби эртеде (байыртадан) башталган. Болуп да, малдын жүнү терисинен пайдаланып кол өнөр чарбасын өнүктүрүү эң эле көрүнүктүү болгон. Ошол кол өнөрчүлүк түйшүгүнө жараша кол өнөрдүн түрдүү жактарындагы ырлар жаралып, ал эмгектерге коштолуп айтылып келген. Төмөндө бир нече түр менен таанышып көрөлү.
Кийиз жасоо ыры
Кол өнөрчүлүк эмгегинде кийиз жасоо түйшүгү бир кыйла оор жумуштар катарында саналат. Кийиз жасоодо бир кыйла кишилер чогулушкан. Сорун курулат. Шакаба тамашалуу өтөт. Ошону менен катар ал эмгекти коштогон ыр айтылат. Кийиз жасоо ыры эл ооз адабиятында бир кыйла көп түрдө айтылат. Биз төмөндө нуска катары бирди көрсөтөбүз.
Ала кийиз жууркан,
Ала койдун жүнүнөн,
Туштук кийиз жууркан,
Бул да койдун жүнүнөн.
Кара кийиз, шырдак,
Майда сабап, чабакта,
Үзүлүңкү болбосун,
Үзүлүңкү үй жапса,
Жамгыр жааса тамчы агат, Айыл апада аялдар, Ишиңерден кеп табат.
Калың, жука кара кийиз. Шырдамалга ич болбойт. Бул акылык иш кылса, Акыры түбү оң болбойт.
Кырганын кымтый баскыла,
Бучкак чыгып калбасын, Салпынчагың эмне деп, Камчы менен салбасын.
Бышык кирет кийизиңер,
Кайнак суудан куйгула, Балпаңдатпай келиндер, Текши көңүл бургула.
(«Акчий эл ырларынан» алынды).
Өрмөк ыры
Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө өрмөк согуу, таар, кажары, боо согуу эмгеги негизги жумуштар катарында саналат. Өрмөк согуу баштаар алдында, төмөнкү нускада ыр айтып, ал эмгектерине коштоп, көркөмдүк менен көөнү көтөрүлүп ишин улантат.
Менин атым алба,
Эртең, бүрсүгүңдөн калба!
Көчүгүмө таш байла,
Билегиме жел байла,
Көзү жаман көргүчө бүт, Ичи жаман ичкиче бүт, Ыштаны жаман сийгиче бүт!
Кийим бычкандагы ыры
Кептүү болгун кийимим, Менин ушул тилегим.
Кийгенимде сүйгөндөй,
Ким сынаса киймимди,
Ичи жаман күйгөндөй,
Кептүү болгон экен деп, Жүрөгүндө түйгөндөй.
Тон чык ыры
Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө терини өздөштүрүү, ийге келтирүү эң байыркы өнөрдөн болуп эсептелет. Ошол өнөрдү иштөө эмгегинин өзүнчө ыры чыккан. Ал ыр «Тон чык» деп аталат. Анын түрдүү айтылыштары болгон. Биз үлгү катары кыска түрүнөн бирди көрсөтөбүз.
Ажы койдун терисин,
Араңдан зорго ашаттым,
Эки койдун терисин,
Эптеп ийге келтирдим, Тегерете чойгула, Теринин чыгы кургасын. Айландыра чойгула, Абдан чыгы кургасын.
Чыгы жакшы кургабай,
Калдырак болуп калбасын.
Тон чык, тон чык, Эки жеңи төп чык. Тон чык, тон чык, Туура жака, бой чык! Өөн, бучкагы кем чык, Кап чыкпай, түз чык!
Калдыр-шалдыр этпестен,
Жабыша көр жонума, Ийлебесем маа жазык, Калдырасаң саа жазык! Тон чык, тон чык!
АНВАР БАЙТУР
«ЖУҢГО КЫРГЫЗ АДАБИЯТ ТАРЫХЫ» ТЕЗИСТЕРИНИН БАШ СӨЗҮ ОРДУНА
Кыргыз тарыхы жөнүндө жалпы түшүнүк
Кыргыз улуту – Атамекенибиздеги эң байыркы улуттардын бири болот. Алар мындан эки миң жыл илгери эле байыркы ханзуча тарыхы чыгармалардын бетинен орун алган. Бирок, алардын тарыхы мындан 10–7 миң жыл илгери азыркы Сибирия тоолорунун арасынан агып өткөн Энесай өзөнүнүн жээктери жана Алтай тоолорунда жашаган эң байыркы адамдардан башталат. Энесай жана Алтай адамдары тарыхый өнүгүүнүн палеолит (көөнө таш курал), неолит (жаңы таш курал), бронзо доорлору, ошондой эле бу доорлордун материархат (энелик), патериархат (аталык) баскычтарын өз башынан өткөрүп, байыркы кыргыз урууларын түзгөн.
Тарыхы маалыматтары негизделгенде, байыркы кыргыз уруулары эң алды менен Энесай өрөөнүнүн башкы агымдары жана азыркы Алтай тоолорунун чыгыш этектеринде калыптанышкан. Алар мындан эки миң жыл илгери Атамекенибиздин түндүк райондору (азыркы ички Моңгул, Шашы, Саншы, Хебий өлкөлөрүнүн түндүк тараптары), Монголия Эл Республикасы, кийинче Тийаншан тоосунун тегерегине үстөмдүк кылган Онну (сүннү, гунин) Кулдарлар мамлекетинин карамагына өткөн. Бу доор ичинде, Энесай кыргыздары Оннуларга караштуу уруулардын ичинде эң күчтүү уруу болуп, алар Онну үстөм таптарына каршы эки кылымдан ашуун убакыт күрөш кылган. Жаңы эранын экинчи кылымдарында, Энесай Кыргыздары батыштагы Уйсундар (азыркы Иле өзөнүнүн жээктери, Ысык-Көл тегерегинде жашаган), Тарым ойпаттугу жана Тийаншан тоосунун түштүк тарабындагы «36 шаар хандыктары» түштүктөгү ханзулар менен биригип, Онну хандыгын жоготуп, алардын бир бөлүгүн Азиядан батышка карай кубалаган.
Байыркы ханзуча тарыхый маалыматтарга караганда, жаңы эранын биринчи кылымы ичинде, Энесай Кыргыздары Онну үстөм таптарын кубалап, азыркы Талас өзөнүнүн бойлоруна келип олтурукташып калган. Ошондон баштап, кыргыз уруулары «Энесай кыргыздары» жана «Тийаншан Кыргыздары» деген эки бөлүккө бөлүнгөн. Бирок бу эки бөлүккө бөлүнгөн кыргыз уруулары өз ара эң тыгыз байланыштарды жасап, өздөрүнүн орток эрекчелигин жоготпогон. Ал тургай алар бул райондордогу башка уруулардын бир бөлүгүн өзүнө уландуу түрдө кошуп алып, күн сайын күчөйүп, Энесай жана Талас, Жети суу (азыркы түштүк Казакстан) райондорунда жашаган эң күчтүү элдердин бири болуп калган.
Жаңы эранын 3–4-кылымдарында, Энесай кыргыздары аябай күчөп, азыркы Монголия Эл Республикасына караштуу Орхун өзөнү, Хангай тоолору, ошондой эле Гобий чөлдүгү сыяктуу жерлерге чейин жайылып, Атамекенибиздин түндүк бөлүгүндө күчөгөн Тува уруусу (бу уруу кийинче тарых бетинен өчкөн) менен тыгыз байланыштарды жасап, зор Тува хандыгы деген бир хандык куруп, жаңы эранын 3-кылымынын алгачкы жылдарында бытыраңкылык жагдайына түшүп калган Жуңгону кайтадан бириктирүү милдетин аткарып, Жуңго тарыхына зор салым кошкон. Туварлар менен биригип курган бул хандык, ханзуча тарыхы даректерде «Түндүк вий хандыгы» деп аталат. Жаңы эранын 5-кылымынын аягы 6-кылымынын алгачкы баскычында, түндүк Вий хандыгы алсырай баштап, туварлар менен кыргыздардын бирдиги бузулду. Энесай кыргыздары өз алдына хандык (каганат) курду.
Бирок 6-кылымдын кийинки жарымында, Энесай кыргыздарынын бу хандыгы өтүгөн тоодо (азыркы Монголия Эл Республикасындагы Хангай – Хаңгай тоосунун чыгыш этектери) курулган Көк түрүк хандыгы тарабынан талкаланды. Жаңы эранын 587-жылы Көк түрүк хандыгы экиге бөлүнгөн соң, Энесай кыргыздары Чыгыш түрүк хандыгынын бийлигине өттү. Жаңы эранын 8-кылымынын ортосунда, илгерки Көк түрүк хандыгынын территориясында Орхун уйгур хандыгы курулду. Энесай кыргыздары жана бу хандыктын бийлигине караштуу болуп калды.
Жаңы эранын 836-жылы Энесай кыргыздарынын эң жогору бийлөөчүсү Йаглакар хан көңтөрүш жасап, Орхун уйгур хандыгынын бийлигинен кутулду. 840-жылы Орхун уйгур хандыгынын баш вазири Тон Баганын талабы боюнча жүз миң аттуу аскер баштап келип, Орхун уйгур хандыгын талкалап, анын барлык жерлерине ээ болду. Ошондон баштап алар азыркы Жетисуу, Талас, Ысык-Көл райондорунда бийлик сүргөн Карлык хандыгы жана анын бийлигиндеги Талас, Тийаншан кыргыздары менен тикелей байланыш орнотту. Йаглакар хан тарабынан курулган Энесай кыргыз хандыгы түштүктөгү Таң империясы менен өтө тыгыз байланыштарды жасаган. Анткени Йаглакар хандын ата-бабалары Ишбара Ажан жана башка кыргыз бийлөөчүлөрү өз доорунда Таң империясынын отогаттарын (мансап даражалары жана бийлик чендерин) кабылдап, Таң империясы менен эң тыгыз саясаттык, экономикалык, маданияттык байланыштарын орноткон болучу. Ал эми Йаглакар хан доорунда, Энесай кыргыз каганаты менен Таң империясынын мындай байланыштары өнүккөн баскычтарга кирди. Ошондуктан, Энесай кыргыз каганаты жаңы эранын 9-кылымдын 30-жылдарынан 13-кылымдын адепки жылдарына чейин болгон аралыкта, Азия мейкиндигинин орто алкак районунда эң күчөгөн кубаттуу бир хандык болуп таанылды. Бирок жаңы эранын 4207-жылы, Энесай кыргыз хандыгы өзүнөн да күчтүү болгон моңгул Чыңгысхан тарабынан талкаланды. Ошентип, бу кыргыз хандыгы жаңы эранын 836-жылынан 1207-жылына чейин, толугу 371 жыл бийлик сүрдү.
Энесай кыргыз каганаты талкаланган соң, бу каганатка караштуу көптөгөн кыргыз уруулары Энесайдан жана Алтай райондорунан, Иле өрөөнү, Тийаншан тоосу, Талас, Ысык-Көл райондоруна көчүп келип, өзүнүн бу райондордогу байыркы туугандары менен бирикти. Ошондон баштап, кыргыздардын илгерки «Тийаншан кыргыздары» деген этник бөлүгүнүн сан молпору барган сайын көбөйө баштады. Ошондой эле булардын тарыхый ролу күн сайын күчөй баштады. Анткени Тийаншан кыргыздары Чыңгысхандан илгерки Карлык хандыгы, Караханилер хандыгы жана Кара кытайлар хандыгы сыяктуу Орто Азия жана Тийаншанда курулган хандыктар доорунда, сан жагынан бир кыйла көбөйгөн. Саясый жактан бир кыйла күчөгөн. Маданият жагынан бир кыйла өнүккөн улутка айланган болучу. Кыргыздын атактуу баатырдык эпосу «Манаста» жогорку тарыхый окуялар өтө жакшы сүрөттөлгөн.
Жаңы эранын 13-кылымдарынын ортосунда, Кең Орто Азия мейкиндиги жана Тийаншандын түндүк тарабы менен түштүк тараптары, Чыңгысхандын экинчи уулу Чагатай жана анын урпактарынын бийлигине карай турган болду. Бул район ошондон баштап «Чагатай улусу» же «Чагатай хандыгы» деп аталган. Жаңы эранын 1348-жылы, Чагатай урпагы Туглук Темир Тийаншандын түндүк жана түштүк тарабында Мугулстан хандыгын курган. Жаңы эранын 1367-жылы Мугулстан хандыгынын Орто Азиядагы жерлеринде зор Темирлан хандыгы (Темурия хандыгы) курулду. Жаңы эранын 1514-жылы Мугулстан хандыгы аякташып, анын ордуна уйгурлашкан Чагатай урпагы Султан Сийитхан Жеркен хандыгын тиктеди. Мына бу доорлор ичинде, Тийаншан, Талас, Ысык-Көл, Орто Азия кыргыздары айрым-айрым Мугулстан, Темурия жана Жеркен хандыктарынын бийлиги астында жашаган. Жаңы эранын 14–15-кылымдарында, азыркы Алтай жана Жунгар ойпоттугунда ойрот уруулары (кийинче ойроттордун бир бөлүгү болгон жуңгарлар) күчөйүп, Энесай, Алтай кыргыздарына оор бүлүк салып, аларга каарлуу чапкынчылык кылды. Кудум баатырлык эпос «Манаста» сүрөттөлгөндөй, Энесай жана Алтай кыргыздары ойротторго каршы бир канча кылым кандуу күрөштөрдү алып барды. Мындай күрөштөр бир канча кылымдарга созулуп, кээ замандарда ойротторду жеңип, кээ бир кездерде ойроттордон жеңилип, аягы 17-кылым ичинде Энесай кыргыздары негизинен Тийаншан, Талас, Ысык-Көл жана Памир тоолорунун тегерегине көчүп келип, бу райондогу туугандары менен бирикти. Энесайда калган кыргыз уруулары болсо, ошол райондогу какас (хакас) жана башка улуттарга сиңип кетти. Тийаншан,
Талас, Ысык-Көл, Памир кыргыздары болсо айрым-айрым Жуңгар хандыгы, Орто Азиядагы Кокон, Хива, Бухара хандыктары жана Жеркен хандыгына караштуу 17-кылымдын 80-жылдары, Жеркен хандыгы Жунгарлар жана анын кол чомугу болгон Аппак Кожо (анын бейити азыр Кашкар шаарында) тарабынан одарылды. Кыргыздар «Актоолу» (ак такыялуу), «Кара тоолу» (кара такыялуу) кожолордун кандуу күрөштөрүнүн оор бүлгүнчүлүгүнө учурады. Бу күрөштөр барышында, көптөгөн кыргыз уруулары эң оор чапкынчылыкка кезикти. Жаңы эранын 18-кылымынын 50-жылдары ичинде, Чың империясы, Жуңгар хандыгы кожолорго каршы кең көлөмдү аскери жорук жасады. 1755–1759-жылдары ичинде Чың империясы булар ээлеген бардык жер жана кең Букарага ээ болду. Ошондон баштап Тийаншан кыргыздарынын көп бөлүгү Чың империясынын бийлиги астына өттү. Чың империясы кыргыздарды Иле Жаңжуну жана Кашкар Сайзан Дачыны аркалуу башкарды. Бу доор ичинде кыргыз уруулары Чың империясынын батыш-түндүк райондорунун чектерин коргоо милдетин өз үстүнө алды.
Бирок, 19-кылымдын 20-жылдарынан баштап 60-жылдарына чейин болгон аралыкта, Чырроссия (Россия) кыргыз райондоруна чабуул жүргүздү. 19-кылымдын 60-жылдары ичинде Чырроссия кыргыздардын Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын райондорун басып алды. 1881жылы Чырроссия менен Чың империясы ортосунда теңсиз «Жуңго-Россия Иле токтому» түзүлдү. Ошондон баштап кыргыздар айрым-айрым Чың империясы менен Чырроссиянын карамагына караштуу болуп калды. 1884-жылдан баштап, бу кыргыздарга Шинжаң өлкөсү бийлик жүргүздү. Бирок Чырроссия кыргыздары менен Чың империясынын кыргыздарынын ортосундагы байланыштар, айрыкча маданияттык байланыштар үзүлүп калганы жок. Чырроссия кыргыздары 1919-жылы улуу Өктөбүр социалисттик көңтөрүшүнөн кийин боштондукка ээ болуп, Советтер Союзунун бир мүчөсү болуп калды. Жуңго кыргыздары болсо, 1911-жылдан баштап Йаң Зиңшин, Чыншурин, Шың Шысай жана Ву Жуңшин сыяктуу миллитаристтердин бийлик доорун баштарынан өткөргөн соң 1944-жылы Шинжаң ар улут букарасы менен бирге Иле, Алтай, Тарбагатай үч аймак көңтөрүшүн козгоп, бу көңтөрүшкө зор салымдарын кошту. Кыргыздын баатыр уулу Исакбек баштаган бир далай кыргыздар үч аймактын акимчилик орундарында иштеп, Шинжаң ар улут букарасынын түбөлүк азаттыгы, эркиндиги үчүн күрөш кылды. 1949-жылы улуу Компартиясынын жетегинде, Шинжаң тынчтык азат болду. Жуңго кыргыздары да боштондукка ээ болду.
Кыргыз адабияты жөнүндө жалпы түшүнүк
Кыргыз адабияты – Атамекенибиз маданият казынасынын бир бөлүгү болуп, анын түрү өтө көп жана өтө бай мазмунга ээ. Ошондуктан, кыргыз адабияты (айрыкча кыргыз эл ооз адабияты) Атамекенибиз Жуңгонун адабият тарыхы беттеринен эле эмес, балики дүйнө адабият тарыхынын сахналарынан да орун алып, дүйнөлүк маңызга да ээ болгон. Кыргыз адабияты түр жагынан эл ооз адабияты жана жазма адабият деп эки чоң түргө бөлүнөт. Кыргыздардын эл ооз адабияты аңыз-уламыштар, эпос жана дастандар, жомок жана аңгемелер, лирикалык жана салттык эл ырлары, айтыштар, чечендик жана куудул сөздөр, макал-ылакаптар, табышмак, жаңылмач, күлкүлүү сөздөр жана калптар деген мазмундарды өз ичине алат. Кыргыз жазма адабияты болсо, кыргыздарда жазуу келип чыккандан берки байыркы таш жазма эстеликтер, тери, кагазга жазылган адабияттык жана тарыхый кол жазмалар, кийинки замандарда келип чыккан таш басма жана мык басма адабияттык чыгармалар сыяктуу мазмундар кирет.
Кыргыз эл адабияты болсо кыргыз адабиятынын ичинде өтө оор салмакты ээлейт. Анын өзүнчө ыргактуулук, элдүүлүк, реалдуулук оптимисттик (бактылуу келечекке ынтылуу), таптуулук, тарыхыйлык, музыкалык эрекчелиги бар. Кыргыздар эзелтен бери төкмөчүлүк жөндөмүнө ээ. Алардын эл ырлары эл ичинде жаратылган. Эл менен бирге жашаган жана элдин өнүгүшүнө карай өнүгүп, ооздон-оозго көчүп, ата-бабалардан улан-урпактарга калган. Кыргыздын эл адабияты мазмун жагынан алды менен кең эл журтчулуктун коомдук турмушун, алардын ой-пикирлерин, самаган арман максаттарын ошондой эле алардын жаратылыштык дүйнө менен болгон байланыштарын эң тартымдуу тил жана эң көркөм жол менен сүрөттөп берген. Айрыкча кыргыздын элдик ырлары бизге ааламдагы бардык кубулуштар, көрүнүштөрдүн нагыз касиет, эрекчеликтерин ачык айкын көрсөтүп берет. Ошондой эле кыргыздын ар бир элдик ырынын (эпостор менен дастандарда да) өз мазмуну жана түр эрекчеликтерине карай музыкасы бар. Кыргыздар ар кандай кырдаал, ар кандай жерде обонсуз, музыкасыз ырдабайт.
Кыргыз адабиятынын, айрыкча эпос жана дастандардын тарыхы эрекчелиги өтө зор. Мисалы: кыргыздын салтын эмгек ыры «Бекбекейди» алып айтсак, тил жагынан азыркы заман кыргыз ырларынан эч кандай айырмаланбаса да, ал мазмун жагынан кандайдыр «Бекбекей», «Саксакай» кереметтүү айбан ырларын же болбосо айбандарды коргоочу бир түрдүү кереметтүү олуяларды сүрөттөйт. Ошентип биздин оюбузду кыргыздардын мындан бир канча миң жыл илгерки көп кудайлуу коомдук турмушуна бурайт. Жана бу ыр малчылардын короо кайтарган эрекче бир жагдайда айтылышы да, анын тарыхы өтө узак бир элдик чыгарма экенин билдирет. Кыргыздын башка салттык ырларында да, мындай эрекчелик кеңири жолугат.
Ал эми кыргыздын баатырдык эпосу «Манас» болсо, алардын кагаз бетине чийилбеген бир бүтүм тарыхый китеби болуп эсептелет. Азыр Атамекенибиздин ар кайсы райондорунда 50дөн ашуун атактуу манасчылар бар. Булардын ичинде залкар манасчы Жусуп Мамай эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигетейден» турган сегиз бөлүгүн, атактуу манасчы Сатыбалды Аалы (Текес ооданынан) эпостун «Бөйөнкан», «Чаянкан», «Чоюнкан», «Көбөйкан», «Түгөйкан»… сыяктуу алдыңкы жети атасын айтат. Жалпы кылып айтканда, «Манастын» ар бир бөлүгү кыргыздардын бир канча миң жылдык тарыхынын ар бир доорлорун өтө чындыкка жакын сүрөттөйт. Мисалы: эпостогу «кытай», «Алмамбет» жөнүндөгү мазмундар, Энесай, Алтай кыргыздарынын 9–10-кылымдардагы тарыхый окуяларын, «Чыңгысхан» жана «Алоке» жөнүндөгү мазмундар, Энесай, Алтай жана Тийаншан кыргыздарынын – 13-кылымдагы тарыхый окуяларын, «Хан Жолой» деген мазмун Тийаншан кыргыздарынын 10–13-кылымдар ичинде, каракытайлар, караханлар менен болгон байланыштарын. Ал эми «Семетейден» баштап «Чигетейге» чейин мазмундар болсо, кыргыздардын 14-кылымдан 17-кылымга чейин болгон тарыхын, мындайча кылып айтканда, алардын ойроттор (жунгарлар), Мугулстан, Жеркен хандыктары, ошондой эле алардын манжулар тарабынан курулган Чың империясы менен болгон байланыштарын сүрөттөйт.
Ал эми кыргыздын жазма адабиятына келсек, кыргыздар түрки тилдеги улуттардын ичинде эң алды менен жазууга ээ болгон улуттардын бири. Орустун атактуу түркологу С. Е. Малов жана атактуу француз тил адиси Шаван сыяктуулар, кыргыздарды жаңы эранын 15-кылымдарынан баштап жазууга ээ болгон улуттардын катарына кошот. Бу доордо кыргыз уруулары Сибириядагы Энесай суусу, Алтай тоолору жана Жетисуу району сыяктуу жерлерде жашаган болуп, алар эң алгачкы мезгилде «Энесай жазуусу» (Энесай түрүк жазуусу, руник жазуусу деген наамдар менен да аталат) деген бир түрдүү 40 тамгадан курулган жазууну колдонгон. Алар бул жазуу менен «Йаглакар хан эстелиги» жана «Талас, Ысык-Көл эстеликтери» сыяктуу бир далай таш жазма эстеликтерди калтырган. Энесай жана Орхун райондорунда табылган «Кул-Тегин эстелиги», «Туңгуюк эстелиги», «Билгекаган эстелиги» сыяктуу бир канча он таш жазма эстеликтер, тил жагынан «Йаглакар хан эстелиги» жана «Талас, Ысык-Көл таш жазма эстеликтери» менен бүтүндөй окшош болуп, бу эстеликтерде байыркы кыргыздар жөнүндө бир кыйла тарыхый материалдар сакталган. Тарыхый маалыматтар ошондой эле кыргыздардын таш жазма эстеликтеринин өз маалыматтарына караганда, кыргыздар байыркы «Энесай жазуусун» жаңы эранын 14-кылымдарына чейин колдонгон.
Жаңы эранын 8–10-кылымдары ичинде, тек Тийаншан Кыргыздарынын коомдук турмушунда, Энесай кыргыздарына окшобогон жаңы коомдук өзгөрүштөр келип чыкты. Анткени бу доор ичинде Орто Азия жана түштүк Тийаншан райондорундакы көптөгөн улуттар, улустар жана уруулар ислам динин кабылдады. Бу райондордо «Хаканийа түрүк маданияты» деген бир жаңы маданият баскычы келип чыкты. «Хаканийа түрүк маданияты» дегенибиз Караханийа уйгур маданиятын негиз кылган. Ошондой эле караханилер кандыгына кирген бардык түркү урууларынын маданиятын өз ичине алган бир түрдүү маданият болуп эсептелет. Бу доор ичинде араб жазуусун негиз кылган «Хаканийа жазуусу» деген жазуу майданга келди. Ошондой эле бу жазуу менен жазылган бир канча ондогон ири чыгармалар жазылды. Жаңы эранын II кылымынын 2-жарымында жазылган «Түрүкү тилдеринин диваны» (дивани лугат – түрүк), «Кут даарытар илим» (Кутатку билиг) сыяктуу чыгармалар, ошондой эле «Огуз наама» дастаны, мына ошол доордун өкүлдүк мүнөзгө ээ жазма адабият илимдик чыгармалары болуп эсептелет.
«Хаканийа маданият доору» ичинде, караханиялар хандыгы шаарлар жана эгинчилик райондорунда же шаар райондордун тегерегинде жашаган ошондой эле ислам динин кабылдаган кыргыз уруулары жана ислам динин кабылдап, кийинче кыргыздарга ассомилацийа болуп кеткен бир канча башка уруулар, мисалы: азыр жоош деп аталган жоучу – йагма уруусу, карлык уруусу, өз доорунда тохсы деп аталган азыркы кыргыздын тохсо уруусу сыяктуу уруулар хаканийа жазуусун колдонгон. Тарыхы даректерге негизделгенде караханнлер доорунда, кыргыздар байыркы Энесай жазуусу менен хаканийа жазуусун бирдей иштеткен. Шаман дининдеги кыргыздар айрыкча Энесай жана Тийаншан тоолорунун бийик жайлоолорунда жашаган кыргыздар мурдакыдай эле байыркы Энесай жазуусун колдонуп кала берген. Ошондуктан бу доор ичиндеги кыргыз жазма адабиятында, таш жазма эстеликтерден башка «Түркү тилдер диваны», «Кут даарытар билим», «Огуз нама» сыяктуу чыгармалардын мазмуну да, маңызы өтө терең. Анткени бу чыгармалар ошол доордогу ошондой эле бу доордон илгерки кыргыздардын тарыхы, адабияттык белектери, салт-санаасы, тили сыяктуу көп маселелерди баяндап өткөн.
14-кылымдан баштап, кыргыздар маданият жагынан «чагатай доору» деген бир жаңы доорго кадам басты. Чагатай маданият доору эң узак өкүм сүргөн доор болуп эсептелет. Бу доор ичинде, Чыңгысхандын экинчи уулу Чагатай жана анын урпактары Тийаншан тоосунун түндүк жана түштүк тараптары, Чүй, Талас суусунун түштүк, түштүк батыш тарабындагы Борбордук Азия (ички Азия), Аму өзөнү менен Сыр өзөнүнүн аралыгындагы Маварауннахры району жана азыркы Афганистандын түндүк жана түндүк батыш тараптары, Эрандын чыгыш тараптары сыяктуу кең райондо бийлик сүрдү. Чагатай жана анын урпактары бийлик сүргөн бу кең райондун негизги букарасы болсо Тийаншан кыргыздарын өз ичине алган бир канча он түрүкү тилдеги улуттар болучу. Түрүкү тилдеги улуттар бу доор ичинде илгерки «Хаканийа жазуусунун» негизинде, бир канча парсы тамгаларын кошуп, «Чагатай жазуусу» деген бир түрдүү жазууну колдоно баштады. Ошондон баштап «Чагатай жазуусу» Тийаншань кыргыздарынын негизги байланыш куралына айланды.
«Чагатай маданият доору» болсо, түрүкү тилиндеги улуттар маданиятынын эң өнүккөн бир доору болуп эсептелет. Бу доор ичинде Бурханидин Рабгузи, Эли, Баласагундук Жусуп, Саккаки, Лутпи, Хорасандык Алышер Навои, кийинче Мырза Хайдар, Абылгазы Баатырхан сыяктуу көптөгөн адабиятчылар, тарыхчылар жана башка дүнүйөлүк илим ээлери майданга келди. Бу илим ээлеринин «Олуялар аңгемеси» (Рабгузи), «Жусуп байгамбар аңгемеси» (Эли), «Тарыхы Рашиди» (Мырзахайдар), «Тарыхы шежери түрүк» (Абылгазы Батыркан) аттуу чыгармалары түрүкү тилиндеги башка улуттарга окшош кыргыздардын да укумдан-тукумга келе жаткан традицияларын, тарыхын, тилин, адабияттык мурастарын кең көлөмдө баяндап берди.
Айрыкча бу доор ичинде, кийинче кыргыздардын этник курулмасына кошулуп кеткен кыпчак уруусунун «Кодекс – куманикус (кыпчак – куман тилинин сөздүгү) деген бир даңазалуу чыгармасы жарыкка чыкты. Илимпоздор бу сөздүк 13-кылымдын аягы менен 14-кылымдын баштарында жазылган деп көрсөтөт. Бу сөздүк христан дининин улуу китеби болгон «Тавратдакы» маңыздуу сөздөр жана айаттарды кыпчак тили менен түшүндүргөн. Ошондуктан бу сөздүк ошол доордоку кыргыз жазма адабият тарыхында өтө зор маңызга ээ.
18-кылымдын орто ченинде Тийаншан кыргыздары негизинен бир улуттук топ болуп уюшту. Ошондой эле алардын көптүгүнөн уруулары Чың империясынын бийлигине өттү. Бу доор ичинде кыргыздар мурдагыдай эле «чагатай жазуусун» колдонгон болсо да, бирок ошол доордогу катаал саясы жагдай, узакка созулган уруу согуштары, ошондой эле башка улут бийлөөчүлөрүнүн кыргыздарга болгон узак жылдарга созулган согуштары себеби менен, кыргыз жазма адабияты бир мезгил тургундук жагдайына түшүп калды. Кыргыз адабият тарыхын изилдөөлөргө негизделгенде, бу доор ичинде алардын чоң типтеги бирер адабияттык жазма чыгармалары азырынча кезикпейт.
19-кылымдын кийинки жарымы жана 20-кылымдын адепки жылдарында Тийаншан кыргыздарынын Керметоо райондору, ошондой эле Памир кыргыздарынын ичинде «Манас» эпосунун оозеки түрү кең тарагандан башка какшаалдык Суранчы, Матай чечендин чечендик сөздөрү жана Памир кыргыздарынын ичинен чыккан «Сыдыкбек», «Шыгайбек» дастандары кең таралуу менен бирге, бул дастандардын кагазга түшүрүлгөн адепки нускалары жарыкка чыкты. Мындай абал, кыргыз жазма адабият тарыхында өтө зор маңызга ээ. Ошону менен бирге Тийаншан кыргыздарынын Алатоо райондорунан чыккан Арстанбек (1824–1874-жыл), Байымбет–Тоголок Молдо (1860–1942-жыл), Токтогул (1864–1933-жыл) сыяктуу эл акындарынын ырлары бир кыйла кең таркалды. 20-кылымдын баштарында кыдык уруусунан чыккан Молдо Осмонаалы Какшаал районуна келип, кыргыз санжырасын жыйнап, аны бу районго кең таратты.
1911-жылы бүткүл дүйнөнү таң калтырган Шынхай көңтөрүшү козголуп, Чың империясынын 267 жылдык үстөмдүгүн талкалап, Жуңго территориясында жаңы бир доор ачты. 1921-жылы улуу Өктөбүр социалисттик көңтөрүшүнүн күчтүү таасири менен Жуңго Компартиясы курулду. Үч миң жыл өкүм сүргөн феодалдык коомунун өнүгүү багыты өзгөрүүгө кадам басты. 1933-жылдан баштап, Шинжаң районуна көптөгөн коммунисттер келип, марксизм-ленинизм, Мауцедун идеясын таркатты. Кыргыздын жазма адабияты (Жуңго кыргыздарынын) демократиялык жаңы баскычка кирди. Бу доор ичинде Какшаал районунан чыккан Токтосун, Норузбай, Жумаалы Атамкул, жамансуулук Жусупаалы, тегерметилик Бечел, улуу чаттык Бабык молдо сыяктуу бир канча он эл ырчылары, акчийлик Ыбрай Мамбет, улуу чаттык Абдырахман, Абдырашит Жакып, Абдыкадыр Токторов, көктеректик Асанбай Чекир жана башка бир канча акын, жазуучулар демократиялык кыргыз адабиятынын алгачкы муундары иретинде майданга чыгып, өздөрүнүн өткүр тили жана калеми аркылуу кыргыз адабиятында жаңы бир доор ачып эле калбай кыргыз элин демократиялык идея менен тарбиялап, алардын теңдиги, азаттыгы үчүн күрөш кылды.
1949-жылы Атамекенибиз ошондой эле автоном районубуз Жуңго компартиясынын туура жетекчилиги менен түбөлүк азаттыкка чыкты. Кыргыз тарыхында жаңы бир доор бөлгүч этап башталды. Ошону менен бирге кыргыз маданияты, айрыкча кыргыз адабиятында да эң жаңы бир эра башталды. Эгер биз кыргыз тарыхына кайрылып назар таштасак кыргыз адабияты, айрыкча кыргыз жазма адабияты, эч качан биздин социалисттик жаңы коомубуздагыдай тез өнүккөн эмес. 1979-жылы чакырылган партия II курултайы 3-жалпы жыйыны кыргыз тарыхында жана бир доор бөлгүч маңызга ээ. Бүгүнкү күндө кыргыздын ар бир айылына барган киши маданияттын бул үлгүлөрүнөн баар албай калбайт.
(Бул материал «Шийжаң кыргыз тил, адабият, тарых изилдөө коомунун» архивинде сакталып келе жаткан Анвар Байтур уулунун өз кол жазмасынан алынды).
МУРАС
I Б А П
АДЫЛ ЖУМАТУРДУ
КЫТАЙДА «МАНАС» ЭПОСУН ИЗИЛДӨӨ
Кыргыз бар жерде «Манас» бар. Кытай Эл Республикасында 150 миңге жакын кыргыз жашайт. Канча кылымдан бери бул өлкөдөгү кыргыз эл арасында «Манас» оозеки тарап, урпактан-урпакка уланып келди. Көптөгөн манасчылар жашап өттү. Ушул кылымдын башында эле аты ааламга угулуп, манасчылык өнөрү жалпы кыргыз элине белгилүү болгон Жусубакун Апай, Эшмат Мамбет, Ибирайым Акунбек сыяктуу манасчылар Балбай, Мамайдай ары окумуштуу, ары «Манас» жыйноочу улуу адамдар жашап өткөн.
Кытай Республикасында таркалып жүргөн «Манастын» варианттарын байкоо, текшерип жыйноо, кагаз бетине түшүрүү жумушу 1950-жылдын акыры 1960-жылдын баштарында колго алынган. 1950-жылдын акырында бүт мамлекет боюнча аз сандуу улуттардын тил жазуусун текшерүү иши башталат. Кыргыз тил жазуусун текшерүү группасы Түндүк, Түштүк Шинжаңдагы кыргыздардын тилин текшерүү барышында алардын эл-ооз адабиятынын асыл мурастарын жыйнап, «Манас» эпосунун айрым бөлүктөрүн жазып алышат. 1960-жылы 11-айда Шинжаң Уйгур Автоном райондук жазуучулар коомунан Люфажун, Аблымет Садык катарлуулар жогору жетекчиликтин тапшыруусу боюнча «Теңир тоо» (ханзу тилинде), «Тарым» (уйгур тилинде) журналдарга макала менен камдоону уюштуруу, окурман жыйноо үчүн Кызылсууга барат. Ушул жолку барышта, алар Улуучат ооданы Кызыл ой айлындагы Эшмат Мамбеттин айтуусу боюнча «Семетейден», «Семетей менен Айчүрөктүн тою» деген мазмунду жазып алышып, дароо эле уйгурча, ханзуча которуп жогорку эки журналда жарыялашат. Булар «Манас» эпосунун кыргыз эл ичинде кеңири тарап, терең орун алган улуу маданият кайнары экенин байкашат, ай-айлап күндү-түнгө улап айта турган манасчылардын бар экенинен кабар табышат. Жана бул абалды жогору жетекчилик орундарга малымдайт. Эки журналда жарыяланган «Семетей менен Айчүрөктүн тою» ар улут көп окурмандары жана илимпоздору жагынан кызуу тосуп алынат. Эл ичинде аябай чоң таасир козгойт. Кыргыз элинде ушундай улуу эпостун кылымдар бою оозеки таркап, урпактарга уланып келгени жумурай журтчулукту таң калтырат.
Мындан көп өтпөй эле 1961-жылы жазда Шинжаң Уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси Люфажун, Тебе (Моңгол), Люченбин деген үч киши бир группа болуп уюшуп, Кызылсууга барып, жерлик эл менен биргелешип, «Манас» эпосун атайын текшерип таап келүүгө жиберет. Бул иретки текшерип жыйноого борбордук улуттар институту тил факультети кыргыз тил классындагы окутуучу Ху-жин-Хуа, Сакен Өмүр баштаган окуучулар катышат. Кызылсуудан, Үсөйүн Ажы, Токтосун, Алтын катарлуулар катышат. Группа үчкө бөлүнүп Акчий, Улуучат, Актоо-Каражул, Тегирментилерге барып манасчыларды издеп, алардан эпосту кол жазмага түшүрө баштайт.
Ушул жолку текшерүүдө Жусуп Мамай, Эшмат Мамбет сыяктуу залкар манасчылар менен жолугуп, көптөгөн материалдарды жазып алат.
Ж. Мамай 6 айга жакын убакыт ичинде «Манастын» алдыңкы 5 урпагын айтып берет. «Манастан» 38000 сап, «Семетейден» 27000 сап, «Сейтектен» 2900 сап, жалпы 110000 сап кагаз бетине түшүрүлөт.
Эшмат Мамбет ошол кезде жашы 80ден ашкан болгондуктан, «Манастын» алдыңкы үч урпагынан кыскартып 10000 саптан артык айтып, кол жазмага түшүргүзөт. 1963-жылы тагдырга каршы 83 жашында дүйнөдөн кайтат. Булардан башка жана 20дан ашуун манасчыдан «Манастын» өзөктүк окуялары болгон «Чоң казат», «Көкөтөйдүн ашы», «Алмамбеттин арманы», «Баатырдын төрөлүшү» түрдүү варианттары жазылса, «Семетейден», «Семетей менен Айчүрөктүн тою», «Чынкожонун Акунханга чабуул салышы» сыяктуу бөлүктөрдөн болуп 150000 саптан артык материал жазып алынган. Булардын ичинде Улуучат, Кызылой айлындагы Темир Турду, Садык Осмон, Тойун айлындагы Мамбетасан, Артыш ооданга караштуу Каражул айлынан Алмакун Молдо, Осмон Намаз, Акчий ооданы Карачий айлынан Кадыракун Ибрайым, Сомташ айлынан Өмүр Мамбетакундардын айткандары зор салмакты ээлеген.
Бул иретки «Манас» эпосун жыйноодо Жусуп Мамайдын айтканы эң көп жана беш урпакка чейин жеткендиктен группа кызматкерлери чогулуп Жусуп Мамай вариантын кытайчага которуу жумушун тез эле колго алышат. Алгачкы которулган нускасы бүткөн соң ички материал кылып биринчи урпак «Манастын» кытайча котормосун басмадан чыгарышат. «Көкөтөйдүн ашы», «Кененимден» үзүндүү алынган мазмундар кытай тилиндеги «Шинжаң БЗИти», «Эл адабияты» деген гезит, журналдарда жарык көрөт.
Жусуп Мамай вариантынын ханзучасын борбордук басмадан чыгаруу жана «Манас» эпосун толуктап текшерип чорултуу үчүн, 1964-жыл 6-айда борбордук эл ооз адабият коомунан Таоян, Лаңйиң, Шинжаң Уйгур Автоном райондук жазуучулар коомунан Люфажун, Кызылсуу Кыргыз автоном областынан Үсөйүн Ажы, Абдыкадыр Токто, Үсөналы, Пазил, Шаңшижын, Сакен Өмүр катарлуулар группа түзүп иш алып барат.
Бул иретки текшерүүдө 30дан ашуун манасчы менен жолугуп эпостун түрдүү варианттарынан 123000 саптан ашуун материал жазып алынат. Андан сырт 21 кол жазмаматериал жыйнап алышат. Бул кызмат 1966-жылы 7-айга чейин уланат. Жусуп Мамай вариантын толуктап жазып алууну негизги жумуш эсептеп, Ж. Мамайды дагы бир ирет «Манасты» айтууга чакырат. Кайта-кайта сыйралап «Манас» айтып такшалып болгон Жусуп бул ирет айтканында эпостун алдыңкы 6 урпагын толук айтып, эпостун көлөмүн 196500 сапка жеткирет. Ачык айтканда «Манасты» алгачкы айткан 38000 саптан 50900 сапка жеткирип, «Семетейди» 27000 саптан 32000 сап, «Сейтекти» 19000 саптан 24400 сап, «Кененимди» 16000 саптан 34000 сап, «Сейитти» 2900 саптан 10130 сапка жеткирет. Мундан сырткары жана эпостун 6-урпагы «Асылбача-Бекбачадан» 45000 сап айтат.
Жусуп Мамай вариантынын 6 урпактан куралган мазмуну бүт кытай тилине которулуп да бүтөт. Эшматтын «Семетейи» да кытай тилине которулат.
1966-жылы бүткүл Жунгуда чоң чайкалыш болуп, «Маданият төңкөрүшү» башталат. Кызмат группадагылар таркап, ар кимиси өздөрүнүн мурунку кызмат орундарына кайтып, төңкөрүшкө катышат. «Манас» эпосунун түп нускасы менен кытай тилине которулган нускасы бүт печеттелип, сандыктарга салынып борбору Бейжинге алып кетилет. «Маданият төңкөрүшүндө» жанын араң коргоп жүргөн эл, «Манастын» оригиналдарын сактап калууга чамасы келбегендиктен, сандыкка печеттелген материал ошол бойдон из-дарексиз жоголот. Бул «Манас» үчүн жана көп жыл тер төгүп эмгектенген адамдар үчүн бир чоң жоготуу болду. «Маданият төңкөрүш» мезгилинде манасчы Жусуп Мамай, «Манас» эпосун жыйноо, которуу жумуштарына катышкандар бүт жалаа чапталып, айыпталып, рухий жактан азапталат. Мындай кыйын жагдай 10 жылдан ашык уланып токтойт.
Бул төңкөрүш токтоп, узак өтпөй эле, «Манас» эпосун кайра иштеш жумушу мамлекеттик эл адабият, фольклорчулар коому жагынан колго алынып, кайра башталат. 1978-жылы 12-айда Жусуп Мамай борбор Бейжинге чакырылып, «Манасты» үчүнчү ирет айтууну баштайт. 1964-жылда кагаз бетине түшүрүлгөн материал тек гана «Семетей» бөлүгү табылып, калган материалдар издештирилет. Ушул учурда Жусуп эпостун 7-урпак «Сомбилектен» 12000 сап, 8-урпак «Чигитейден» 12000 сап айтып, Сакен Өмүр кагазга түшүрөт. Бул болсо эпостун мурун айтылып бакпаган мазмуну эле. Эпостун «Маданият төңкөрүшүндө» жоголгон материалдары табылбагандыктан, Жусуп 1-урпак «Манас» жомогун кайра бир ирет айтат. Муну да Сакен Өмүр кагаз бетине түшүрөт. Азыр кең окурмандар менен жүз көрүшүп жаткан «Манас» ушул жолку айтылган мазмундан басмага дайындалган. «Манас» (1-урпак) айтылып бүткөндө 1979-жылдын соңу болуп, кыш кире баштаганда Жусуп эс алууга үйүнө кайтып келет. Узун өтпөй эле 1980-жылдын башында Шинжаң Уйгур автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин курултайы ачылып, Жусуп Мамай орунбасар төрагалыкка шайланып, үй-бүлөсү менен Үрүмчүгө көчүп келет. Ошону менен «Манас» ишканасы да Үрүмчүдө курулуп, Бейжинде иштелген жумушту улай баштайт. Ушундан баштап 1983-жылга чейин болгон аралыкта, залкар манасчы Жусуп Мамай мурун нечен ирет айтып келген эпостун 3-урпак «Сейтек», 4-урпак «Кененим», 5-урпак «Сейит», 6-урпак «Асылбача-Бекбачаларды» өзү кагаз бетине түшүрөт. 1989-жылы агасы Жумалы Келбай (Келбай Жусуптун атасы Мамайдын агасы) эсте тутуусу менен 5-урпак «Сейиттин» калып калган мазмунунан 16700 сапты толуктап кагаз бетине түшүрөт. Ушуну менен «Манастын» 8-урпактан турган Жусуп Мамай варианты толугу менен кагаз бетине түшүп, жалпы 230000 саптан ашып, «Манастын» эң асыл варианттарынын бири болуп калат.
«Манас» ишканасы Үрүмчүдө курулгандан баштап Жусуп Мамай вариантын басмага дайындоо, кытай тилине которууну негизги милдет кылып иштейт. Азыр биз менен жүз көрүшүп турган 8 урпак 18 томдон турган Жусуп Мамай варианты акыры басмадан жарык көрдү. «Манас» 5 томду Асанбай Матили, «Семетей» 3 томду Мамбетасан Эрги, «Сейтек» 2 тому Асанбай Матили, «Кененим» 2 томду Оргалча Кыдырбай, «Асылбача-Бекбача» 3 томду Толкун Турду, «Сомбилек» 1 томду Толкун Турду, «Чигитей» 1 томду Токтобүбү Ызак басмага даярдаган. Материалдар басмага тапшырылыш алдында, Шаршебек Сыдык башчылыгындагы коллегия уюштурулуп, илимпоз жана акын жазуучулар катышып, эпостун басмага дайындалган нускасын бир бирден карап коллегиядан өткөрөт. Жусуп Мамай да атайын чакырылып өзү айткан вариантын коллегиядан өткөрүп, бекитүүгө катышат. Эл басмасы жагынан Норуз Үсөналы бул томдорго жооптуу редактор болуп иштейт. Жусуп Мамай вариантын басмадан чыгаруу жумушу менен бирге, 60-жылдары жазып алынган «Манастын» башка варианттары архив боюнча сакталып, жаңы материалдар да байкала баштайт. Мисалы, түндүк Шиң Жаңдагы Текес. Моңгурлкүрөдөгү кыргыз айылдарынан Сатыбалды Алы, Дөөтбай Молдо сыяктуу манасчылар байкалып, алардан көптөгөн материалдар жазылып алынат. 1992-жылы 8-айда Какшаалда (Акчийде) өткөрүлгөн «Манас» айтуу чогулушуна катышкан 40ча манасчыдан бир топ материал чогултуп алынган. Азыр Жусуп Мамайдын вариантынан башка 80ден ашуун манасчынын айтуусу боюнча миллион саптан ашык материал архивде сакталууда.
«Манас» ишканасы курулгандан кийин «Манас» эпо сунун илимий изилдөө иштери да кең канат жайды. 1986-жылы 11-айда Шинжаң боюнча алгачкы иреттик «Манас» илимий изилдөө жыйыны ачылып, жыйында 24 парча изилдөө макаласы окулуп, кээ бирлери мамлекеттик гезит, журналдарда жарыяланып, «Манас» изилдөөнүн алгачкы толкунун козгойт. Ошондон кийин нечен ондогон макалалар жазылып, «Манас» жөнүндөгү изилдөө күндөн-күнгө тереңдеп, мамлекет ичи-сыртындагы көптөгөн илимпоздордун кызыгуусун козгойт. 1990-жылы 12-айда ачылган (Үрүмчүдө) мамлекет боюнча «Манас» илими талкуу жыйыны жана 1994-жылы 9-айда ачылган (Үрүмчүдө) Эл аралык «Манас» илими талкуу Жыйыны «Манас» изилдөөсүн ого бетер жогору багытка жеткирди.
«Манас» ишканасы курулгандан бери эпостун үгүттөө кызматы да кең көлөмдө алып барылган. Эпостун 60-жылдардан бери иштелген кызматтары боюнча бир нече ирет Бейжинде, Үрүмчүдө, Кызылсуунун ар кайсы жерлеринде кызмат көргөзмөсү ачылып, «Манас» эпосун жыйноо, басмага дайындоо, башка тилдерге которуу, изилдөө иштери кең массага тааныштырылды. 1991-жылы 4-айда «Манас» эпосунун кыргызча, кытайча китептеринин басмадан чыкканы жөнүндө акбарат жарыялоо жыйыны ачылып, бүткүл дүйнөгө Жунгу кыргыздарынын «Манас» эпосу ырасми басмадан чыккандыгын жарыялады.
«Манас» эпосуна кызыгуучулар күндөн күнгө көбөйүп, изилдөө кошуну күн сайын чоңоюп бараткандыктан, изилдөөчүлөрдү, «Манаска» кызыгуучуларды уюштуруу үчүн 1995-жыл 6-айда Жун Го «Манас» изилдөө коому курулуп, «Манас» эпосун мамлекет боюнча системалуу изилдөөгө шарт-жагдай түзүлдү. Бул коомго узак жылдан бери «Манас» үчүн эмгек сиңирип келген, ошондой эле жакынкы жылдардан бери «Манасты» изилдеп, көптөгөн гезит-журналдарда макалалары уландуу жарыяланып келген изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, фольклор мамандары мүчө болду. Кыргыз, ханзу, моңгол, уйгур, тунган сыяктуу ар улут эпос изилдөөчү мамандардан куралган бул топ «Манастын» изилдөө жайытын кеңейтип, «Манастын» баркы-баасы абдан таанып билүүбүзгө, эл арадагы оорагын ансайын арттырууда белсемдүү күч болоруна ишеним бек.
МАМБЕТТУРДУ МАМБЕТАКУН
КЫРГЫЗ ЭЛ ООЗЕКИ АДАБИЯТЫНЫН ЖЫЙНАЛЫШЫ ЖАНА ИЗИЛДЕНИШИ
Боштондуктан илгери эл ичинен чыккан озот ойлуу, узун өзөк, көзү ачык сабаттуу өнөрпоздору кыргыз элинин оозеки адабий мурасын өз алдынча жыйнап, кол жазмаларга калтырууга далалаттанган болсо да уюмдук мүнөздү бир келки колго алынбагандыктан өнүмү дегендей болбой келген. Боштондуктан кийин партия жана өкмөт аз сандуулуктардын оозеки мурасына өзгөчө көңүл буруп, бул кыйла алгылыктуу чараларды колдонду.
1955–57-жылдары партия борбордук комитети менен эл өкмөтү аз сандуу улуттардын тил-жазуу маселесин чечүү үчүн чоң көлөмдөгү текшерүү тобун уюштурган. Бул топтун айрым бөлүмчөлөрү кыргыз райондоруна эки ирет келген. Жуңго илимдер академиясына караштуу аз сандуу улуттардын тилин текшерүү тобунун бир бөлүгү болгон кыргыз тилин текшерүү тобу 1956-жылдын сентябрынан 1957-жылдын январына чейин болгон беш ай ичинде Түндүк Шинжаңдын кыргыздар олтурукташкан жайлары менен Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу оодандардын бардыгына барып лексика, фонетика, грамматика боюнча кыргыз тилин текшерүүдөн сырт «1820 куплеттүү ырлуу чыгарма, 33 жомок, 514 макал-ылакап, 40 парча кошок, 59 тамсил, 69 табышмак жана жаңылмач, 1 тарыхый китеп, уруулар жөнүндө 11 парча санжыра материалын жыйнап алышкан»1. Андан башка «Манас» эпосунун айрым баптары да жазып алынган. Мындай илимий ишке кыргыз элинин илимпоздору активдүүлүк менен катышкан сырт Ху жинхуа сыяктуу боордош улуттардын өкүлдөрү да зор достук дем менен жардамда болгон.
1960-жылы борбордук улуттар институту тил факультетинин кыргыз тил классындагы окуучу жана окутуучулар беш миң километрлик алыс сапарды ат арыта басып, кыргыз жергесине келип практика жасоо барышында Шинжаң уйгур автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин изилдөөчүлөрү менен биргелешип «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү болгон «Семетейди» жыйнап, иреттеп, айрым бөлүгүн ханзуча, уйгурча которуп «Тянь-Шан»2 жана «Тарым»3 журналдарында жарыяланды. Бу менен «Манас» эпосу кызыгуу туудуруп, элдин көңүлүн өзүнө бурду.
1961-жылы Шинжаң уйгур автоном райондук үгүт бөлүмүнүн жетегинде жунго эл ооз адабиятчылар коому. Шинжаң адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, Шинжаң адабият изилдөө институту, Кызылсуу кыргыз автоном областтык үгүт бөлүмү жана борбордук улуттар институту сыяктуу бир канча орун биргелешкен «Манас» кызмат группасы түзүлүп, «Манасты» сактап калуу бирлешме кыймылы алып барылды. Изилдөөчүлөр эл арасына кеңири чөгүп, текшерүү барышында залкар манасчы Жусуп Мамайды байкашты. Дароо эле алгачкы саамалык катары Жусуп Мамай айткан эпостун көп бөлүгү жазып алынып, ханзучага которула баштады. Которулган материал «Манас» эпосунун биринчи бөлүмү иретинде эки китеп болуп басылды4. 1961-жылы жана 1962-жылы «Шинжаң гезити»5, «Эл ооз адабияты»6 журналы сыяктуу басма беттеринде «Манастын» жана 4-бөлүм болгон «Кененимдин» айрым баптары ханзуча которуп жарыяланды. 1964-жылы жогору орундардын катышуусу менен кайтадан тартипке салынган «Манас» кызмат группасы дагы да тереңдеп, эпостун Жусуп Мамай айтып болалбаган уландысын толуктоо менен бирге «Манас» эпосу боюнча телегейи тегиз камтылган чоң текшерүү жүргүзүп, Кызылсуу чөлкөмүнөн 70тен ашуун манасчы менен жолугушуп, жарым миллион сапка жакын эпостун түрдүү вариантын жазып алышты.
Демек, мамлекетибиздеги үч чоң улуу эпостун бири болгон, болгондо да көлөм, мазмун, көркөмдүк жактан дүйнөдөгү эпостордун эң алдында турган, өзүнө өзүн салыштырганда тек гана жунго кыргыздарында телегейи тегиз сакталган, сегиз урпакты өз ичине алган дүйнөлүк көркөм мурас – «Манас» эпосу алгачкы кадамда кутказып алынды. Бу жөнөкөй окуя эмес эле.
Бул учурда кыргыз эл ооз адабиятын текшерүү, жыйноо иши «Манас» эпосун жыйноо менен бирге жүргү зүлгөн, Манасчылар нукура эле «Манасты» айтып калбастан элдик оозеки адабий мурастардын бардык түрлөрүн – ырларын, кошокторун, уламыштарын, жомокторун, санжыраларын да көкүрөгүнө уютуп алган «тирүү казына» болушкан. Алар манасчы аталганы менен «Кожожаш», «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаңыл мырза», «Толтой», «Жаныш-Байыш», «Кулмырза менен Аксаткын», «Тутан», «Багыш», «Мактум сулуу», «Шакыл Оосар», «Жалайыр Жалгыз», «Акбарак менен Гүлдөкан» сыяктуу жүздөгөн кыргыз дастандарын билишкен. «Манас» эпосун текшерүү, жыйноо кызматынын тегерегинде жүргүз үлгөн мындай кошумча текшерүү, жыйноолор өтө маанилүү саамалыктарды берди.
Мао-цзе-дундун демилге көтөрүшү менен 1958-жылы 14-апрелинде «Эл гезити» «Кең көлөмдө бүтүн мамлекет боюнча эл ырларын жыйноо» деген баш макаланы жарыялаган болучу. Ушул ураандын эпкини менен эл ырларынын ыкмасында жаңы ыр жамактоо жана мурунку эл ырларын жыйноо кыймылы аралаш алып барылды. Мамлекет боюнча алып барылган бул массалык кыймылдын таасири менен элдик ырларды жыйноо өз кезинде бир кыйла мол түшүмдөрдү берген эле. Бу мезгилде элдик казыналарды текшерүү, жыйноо негизги милдет болуп, изилдөө иштери тереңдебей, тааныштыруу деңгээлинде турган болучу. Бирок мындай жакшы башталуулар узакка бара алган жок, «Маданият көңтөрүшү» деп аталган алааматтуу кыймыл башталды да элдик адабият, анын ичинде «Манас» эпосу «уулуу чөп» караланды. Манасчылар жана ал кызмат менен жан үрөп машакаттанган изилдөөчүлөр куугунтукталды. Канчалаган кан-тер менен жыйналган эпостун материалдары жана элдик адабият табылгалары талоонго түшүп чачылды. Кыргыз эл ооз адабиятын текшерүү, жыйноо, изилдөө иштери байсалдуу бараткан жолунан тайып, чегинүүгө дуушар болду. Элдик адабиятты изилдөөнүн негизги угу болгон чийки материалдар жоголуп, бузгунчулукка учурап, алардын из-дарегин кылган адам чыкпай калган актайлык, боштук 18 жылга жакын араанын ачып турду. Мунун кийинки изилдөө иштерине тийгизген таасири өлчөөсүз даражада залалдуу болду.
1978-жылдын декабрынан баштап «Манасты» баш кылган ченемде кыргыз элдик адабиятын толуктап жыйноо иреттөө, изилдөө иштери колго алынды. Буга байланыштуу көптөгөн кызматтар негизинен кайтадан иштелүүгө тийиш болду. Бул убакта «Манас» эпосун иреттөө иши жалпылыктан айрым, төтөлөй иреттөөгө өткөндүктөн элдик адабияттын башка түрлөрү арналуу түрдө колго алынбады. «Манас» эпосуна салыштырганда шарттуу түрдө экинчи катарда турган башка жанрлар коё турулду. Анткени, жунго кыргыздарынын эл ооз адабиятчылар кошууну адам күчү жана кесиптик үч жактан алсыз алкада турган. Ошентсе да 60-жылдардан баштап кыргыз элинин элдик мурастарына, «Манас» эпосуна жанындай күйгөн, жыйнаган, иреттеген, которгон Пазыл, Ху жинхуа (хуйзу), Сакен Өмүр, Лийу фажун (ханзу), Шаң шижин (ханзу аял) сыяктуу изилдөөчүлөрдүн сиңирген эмгегинин орошондугунан элдик адабиятты жыйноо, караманча калган жок.
1979—80-жылдарга келгенде Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча «Манас» эпосунун биринчи бөлүмү (4 китеп), Эшматтын айтуусу боюнча «Семетей» басмада басылып, кең кыргыз окурмандарынан пикир алуу үчүн таратылып берилди. Андан тышкары ханзуча, уйгурча, казакча которулуп, айрым бөлүктөрүн жарыялоо иштери такай алып барылды; Мурун «Манас» эпосу ар кандай мамлекетке караганда Жунгодо эң толук сакталганына карабады, чет элдик изилдөөчүлөр Кыргызстанда басылып чыккан «Манас» эпосунун үч бөлүмүн негиз этип изилдөө үчүн алып барышкан болучу. Мындай изилдөөлөр ар канча терең болгону менен эпостун сегиз бөлүмүн тең өз ичине албагандыктан кыргыз эпосу боюнча изилдөө дүйнөлүк чөлкөмдө башталгыч деңгээлде турууда деп айтууга негиз бар эле. 80-жылдардын кириши менен дүйнө изилд өөчүлөрүнүн назары жунго кыргыздарында сакталган «Манаска» бурула баштады. Кыргыз эпосунун шарапаты менен кыргыз эл ооз адабиятын изилдөө иштери мамлекеттик чектен алкып, эл аралык изилдөө темасына айланды.
1979-жылы совет жана жунго алымдарынын түрдүү басмаларда жарыяланган макалалары тандалып, «Манасты» изилдөө материалдары»7 деген наам менен басылды. 1980-жылы Ху жинхуа «Манас» жана аны изилдөө абалы»8 деген китепчесин бастырды.
Ху жинхуанын аталган китепчесинде «Манас» эпосунун негизги окуялыгы, тилдик эрекчелиги, жунго жана чет элде изилдөөнүн тарыхы, эпос камтыган сегиз урпактын кыскача мазмуну, 26 напар манасчынын журту жана эпосту билүү абалы, Жусуп Мамай айткан «Манастын» биринчи бөлүмү жөнүндө жалпы баян сыяктуу мазмундар боюнча сөз жүргүзүлгөн.
1981-жылы жуңго эл ооз адабиятчылар коому Шинжаң бөлүмчөсүнүн тутумунда кыргыз эл ооз адабиятын изилдөө ишканасынын курулушу кыргыз эл ооз адабиятын бир жөнгө, системалуу кармап иштөөгө оңтойлуу шарт жаратты.
Мындайча айтканда, эл ооз адабиятын изилдей турган арналуу орган түзүлдү. Бу ишкана «Манас» эпосун борбор эткен таризде эл оозеки адабиятын катмардуу изилдөөнүн материал жана учур чордону болуп калды. 1982-жылы курулган Шинжаң уйгур автоном райондук «Манас» жетекчилик группасынын конкрет кызматтары да ушул ишкана тарабынан иштелди. Бөлүмдөгү кызматчылар мурун жыйналып, чачылган материалды иликтөө менен ар жылы төмөнгө түшүп эл оозеки адабият материалдарын жыйноого маани беришти. «Манас» эпосунун азыргыча бизге маалым болгон алдыңкы урпактарын биле турган Сатыбалды деген манасчыны таап, Үрүмчүгө чакырып келишип, көлөмдүү чийки материалды жазып алышты жана үн алгыга түшүрүштү. Бул материалдар келечектеги изилдөө иштерине өтө чоң өбөлгө түздү. Дагы бир өзгөчө эскертип кетээр жайыт: колуңардагы ушул «Кыргыз адабият тарыхынын» жазуу ишин дайындыгы иретинде кыргыз тарыхчысы, адабиятчысы профессор ыраматылык Анвар Байтур 1987-жылы Шинжаңдын түндүк-түштүгүн тегиз кыдырып жунго кыргыз адабиятына тийиштүү болгон материалдарды универсал мүнөздө чоң жыйноо кыймылын орундаштырды. Ушул демилге менен кыргыз жазма адабиятына жана эл ооз адабиятына тийиштүү болгон он миң бетке жакын түрдүү жанрдагы чыгармалар Шинжаң коомдук илимдер академиясы улуттар адабиятын изилдөө институтуна жыйналды. Бул материалдар элдик адабиятты сактап калуу, жарыялоо, изилдөөдө баа жеткис кымбатка ээ.
Мамлекеттик «жетинчи беш жылдык» орчундуу илимий изилдөө долбооруна киргизилген «үч жыйнак» кызматы Шинжаңда 1988-жылдын кийинки жарымында башталганына карабай азыркы кезде алгылыктуу натыйжаларга кол жеткирди. Ошондон бери Кызылсуу кыргыз автоном областында үч оодан, бир шаар боюнча эл ырлары, жомоктор жана макал-ылакаптардан турган «үч жыйнакты» иштөөнүн конкрет кызматтары орундаштырылып, алгачында эл арасынан өтө мол болгон элдик мурас жыйналып иреттелди. Азыр Улуучат ооданы менен Акчий ооданы өздөрүнүн «үч жыйнагын» негизинен чыгарып болду. «Үч жыйнактын» автоном райондук тому да дилгирлик менен иштелүүдө. Бир мисал алсак: «Акчий элдик ырлары»9 жана «Акчий эл жомоктору»10 деген эки жыйнакка эмгек ырлар, саясый ырлар, кошоктор, ырым-жырым ырлары, сүйүү ырлары, турмуштук ырлар, мурун ырлар деген тема астында 124 парча ыр, мифтер, уламыштар, жөө жомоктор деген үч чоң тема астында 71 парча жомок киргизилген. Мындай саамалыктар жунго кыргыз эл ооз адабиятын үзүл-кесил сактап калууда тарыхый бөлгүч маңызга ээ.
Кыргыз жазуусунун калыбына келиши жана басма орундарынын түзүлүшү кыргыз оозеки адабиятынын багын ачты. Элдик мурастар жыйналуу, иреттелүүдөн жарык көрүү, өз алдынча китеп болуп басылып чыгуу мезгилине кадам койду.
1979-жылдан баштап «Улуучат адабияты», «Кызылсуу адабияты», «Шинжаң кыргыз адабияты» жана «Керметоо» аттуу журналдарда «Курманбек», «Манастан» үзүндүлөр, түрдүү салттык ырлар, жомок, табышмак, макал-ылакап, жаңылмачтар уландуу жарыяланып турду. Болуп да манасчы Өмүр Мамбет айткан «Манастын жети канды чакырышы»11, франциялык тилшонас Гүй Имрат иреттеген «Афганистандык кыргыздардын салттык ырлары»12 деген чыгармалардын бир жерлик журналда арты-артынан жарык көрүшү 1 кыргыз элдик адабиятына болгон кызыгуунун өзгөчө күчтүүлүгүн далилдейт. Шинжаң агартуу басмасынан жарык көргөн 1-класстан 11-класскача болгон адабият окуулуктар, дагы да көптөгөн түрдөгү элдик адабияттын үлгүлөрү жана алар жөнүндөгү алгачкы баян киргизилген.
Азыргыча Шинжаң эл басмасы тарабынан «Манас» эпосунун үч бөлүмүнө таандык он китеп жарык көргөндөн тышкары «Шаймаран»13, «Кыргыз эл дастандары»14 1-, 2-китеп), «Кыргыз эл жомоктору»15 (1-, 2-китеп), «Толтой»16, «Багыш»17, «Курманбек»18, «Кожожаш»19, «Эр Төштүк»20, «Кыргыз эл макал-ылакаптары»21, «Табышмактар»22 сыяктуу мурастар чыныгы түрдө жарык көрдү. Андан башка «Манас» эпосунун биринчи бөлүмүнүн биринчи китеби ханзуча которулуп, басмадан жарык көрдү23. «Манас» эпосун Жусуп Мамай айткан варианты ички материал иретинде басылып, көп бөлүмү изилдөөчүлөрдүн колуна тийди. Азыр эпостун Жусуп Мамай айткан варианты жалпылай кагазга түшүрүлүп, негизинен иреттелип, 18 том кылып басуу пландалууда. Мындай чоң көлөмдөгү эпостук курулуш дүйнөдө сейрек кездешет. Ушул учурда эпостун 1-, 2-, 4-, 6-бөлүмдөрү толук, 3-, 5-бөлүмдөрүнүн бир бөлүгү ханзуча которулуп болду. Ханзуча, уйгурча журналдарда жарык көргөн эпостун айрым бөлүктөрү өзүнчө бир узун тизмени жаратты.
80-жылдардын кийинки жарымынан баштап кыргыз эл сөз адабиятын жыйноо, иреттөө, жарыялоо менен бирге изилдөө иштери да колго алынды. Тек гана «Манас» эпосу менен алпурушуп келген изилдөөчүлөр назарын миф, жомок, элдик ырлар жана башка элдик дастандарга бура баштады. Өз алдынча арналуу китептер жазылбаса да айрым макалалар гезит-журналдарда уландуу жарыяланып турду.
1986-жылы 11-айда Үрүмчүдө Шинжаң уйгур автоном району боюнча «Манас» илимий талкуу жыйыны ачылды. Жыйында окулган24 парча макалага саресеп салсак кыргыз эл оозеки адабиятын, анын ичинде «Манасты» таанып-билүүнүн тереңдик жана кеңдик ченеми анык байкалат. Бу макалаларда «Манас» эпосу менен тарыхтын, эл ооз адабиятынын, шаман дининин байланыштары, эпостогу түрдүү образдар, мифологиялык өзгөчөл үктөр, манасчылар жана «Манастын» дүйнөдө изилденүү абалы сыяктуу мазмундар боюнча илимий анализдер жүргүзүлгөн. Бул макалалардын бир кыйласы мамлекеттик түрдүү журналдарда жарык көрүп, жуңгодо «Манас» изилдөөнүн алгачкы толкунун козгоду.
Эгер биз 1980-жылдан бери карай «Манас» эпосу боюнча мамлекеттик басма сөздөн орун алган орчундуу изилдөө эмгектерине назар салсак Ху жинхуа, Лаң йиң, Шаң шижин, Лийу фажун, Жан йенпин, Тав йаң сыяктуу боордош улут изилдөөчүлөрүнүн сиңирген мээнети жана колго келтирген натыйжасы өтө көрүнүктүү экени байкалат. Бул изилдөөчүлөрдүн кээлери узун мезгил «Манас» кызматы менен иришкендер болуп, кыргыз тилин такай өздөштүрүп, биринчи кол материалга негиз изилдөө жүргүзүшкөн. Дагы кээлери дүйнөлүк изилдөөнүн бийик назариялык тургусунан чыгып, кыргыз эпосу жана эл оозеки адабияты жөнүндө таң каларлыктай маанилүү байкоолорду ортого салышкан. Боордош улуттардан чыккан бул изилдөөчүлөр менен арабыздан эми жетилип чыгып жаткан кыргыз изилдөөчүлөрдү кошуп эсептегенде кыргыз эл оозеки адабиятын изилдей турган топтун курамы сапат, сан жактан бараандуу болуп көзгө көрүнүүдө. Изилдөөнүн бул тилкесинде улуттар арасындагы түшүнүүнүн тереңдиги, интернационалдык достуктун бекемдиги чагылып турууда.
Башта атап өткөнүбүздөй жуңго кыргыздарынын «Манасы» жөнүндө эл арада көп сөз болбой келген эле. Болуп да эпостун кийинки урпактары ансайын сыр болуп келген эле.
1979-жылы жапониялык аспирант Гиноиройдун котормосунда «Кененимдин» бир үзүндүсү Жапонияда жарык көрдү24. Мына бул бир бет ачар болуп калды. 1981-жыл франциялык профессор, кыргыз тилинин доктору Г.Имрат элибизге келип, борбордук улуттар институтунда «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манас» жана кыргыз тилинин синтаксиси жөнүндө» деген илимий макаласын окуду. 1982-жылы франциялык кыргыз тил маманы Ремидор Францияда «Памирде «Манас» эпосу»25 деген эмгегин жарыяласа, 1986-жылы түркиялык Камил Тойгар «Манасчы Жусуп Мамай»26 деген макаласын Түркияда жарыялаган.
Германия Бонн дашөсүнүн профессору, доктор Карл Решл 1985-жылы жана 1987-жылы эки ирет Шинжаңга келип кыргыз, казак эпостору боюнча илимий текшерүү алып барды. Ал Жусуп Мамай, Сартакун Кадыр сыяктуу манасчылар жана кыргыз изилдөөчүлөрү менен жолугушуу өткөрүп, кең-кесири пикир алышты. Карл Решлдин өз оозу менен айтуусуна караганда ал 1987-жылы Америкада ачылган салыштырма адабият жөнүндөгү эл аралык талкуу жыйынында «Жусуп Мамайдын «Манас» айтуу устаттыгы» деген темада доклад окуган. Бу доклад жыйындагылардын өтө чоң кызыгуусун козгогон. Кээ бир аалымдар: «Жусуп Мамай ушул замандын Гомери» деген жогорку бааны беришкен27. Карл Решл 1989-жылы Кызылсуу кыргыз автоном областына барып, Улуучат ооданындагы манасчы Сартакун Кадырдын өз оозунан «Курманбек» дастанынын негизги бөлүгүн үн алгыга түшүрүп алган. Ал Үрүмчүдөгү кезинде «Манас» эпосунун «Сөз башын» жана сегиз бөлүмдүн негизги окуялыгын англисче которуп алды. Эпостун обонуна, айтылуу ыкмасына кызыга тургандыгын көп ирет билдирди. Ал Бонн дашөсүнүн материалы иретинде немисче бастырган китепчелеринде жуңго кыргыздарынын эл оозеки адабияты, «Манас» жана манасчы Жусуп Мамай жөнүндө терең анализдерди, баяндарды берген. Ал «Югославия жана түрк элдеринин каармандык дастандарындагы шыдыр уйкаш»28 деген макаласында Югославиядагы көп улуттуу элдердин дастандары менен түрк тилдүү элдер болгон кыргыз, казак, өзбек, алтайлыктардын каармандык эпосторундагы ыр түзүлүштөр жөнүндө салыштырма изилдөө алып барган.
Азыркы кезде кыргыз, казак, өзбек жумурияттарынан жана түркия эл оозеки адабият салаасынан келген изилдөөчүлөр менен пикир алмаштыруу жыйындары жүйүр алып барылууда. Залкар манасчы Жусуп Мамай манасчы: иретинде кыргыз жумуриятына 1989-жылы барып кызуу тосуп алынган.
Он жылга жакын убакыт ичинде алып барылган мындай ички жана тышкы кыймылдар дүйнөдө эң толук, телегейи тегиз, көп вариантта сакталган «Манас» эпосун эл аралык фольклор изилдөөсүнүн алтын ордосуна алып кирди. «Манас» эпосун изилдөө, ал аркылуу кыргыз эл ооз адабиятын таанып-билүү эл аралык фольклорчуларды кызыктыра турган сонун марага айланды.
Жуңго кыргыз эл ооз адабияты кең-кесири тааныштырылган жалпы, өкүл мүнөздүү баянды биз «Жуңго аз сандуу улуттар адабияты»29 деген илимий эмгектин 1-томунан окуйбуз. Анвар Байтур, Ху жинхуа, Амантурдун калемине таандык бу баянда жуңго кыргыз адабияты, болуп да эл оозеки адабияты тууралуу алгач ирет жалпы жонунан түпкү мүнөздө берилген. Аталган эмгекте кыргыз эл мифтери, уламыштары жана жөө жомокторунун тарыхы, мазмуну, идеясы, эрекчелиги, кыргыз элинин ондогон эпостору, алардын аталыштары, «Курманбек», «Кулмырза менен Аксаткын» дастандары жөнүндө анализ сыяктуу мазмундар бюнча сөз кылынган. «Манас» эпосунун башкы бөлүгүнөн бир бап которулган, айрым баптардан бир сыйра накыл алынган жана түшүнүктөр берилген. Кыргыз эл ырларынан эмгек ырлары, салттык ырлар, сүйүү ырлары жөнүндө өтө маанилүү байкоолор ортого коюлган. Аталган эмгектин кунарлуу жери өтө кыска болгонуна карабай кыргыз адабият тарыхынан жалпылай эскертме берүүгө жарагандыгына, бу китепке чин доорундагы жана азаттыктын алды-артындагы таптык, саясий күрөш чагылдырылган элдик ырлар да кирбей калган.
Көрүнүп тургандай жуңгодогу аз сандуу улуттардын адабиятын бир системага келтирип тааныштырууну максат эткен мамлекеттик деңгээлдеги арналуу китепте өтө мол болгон кыргыз ооз адабияты жөнүндө көбүрөөк сөз болгону табигый көрүнүш эле.
Шинжаң кыргыз тил, адабият илимий изилдөө коомунун30 демилге көтөрүшү, башка орундардын колдоп кубатташы менен 1987-жылы 7-айда жана 1989-жылы 7-айда Түштүк Шинжаңдын Улуучат ооданы Үчташ жайлоосу менен Түндүк Шинжаңдын Текес ооданы Көктерек кыргыз улуттук айлында кыргыз тилин, этнографиясын, адабиятын, акындар айтышын тема кылган эки иреттик чоң чогулуш болуп өттү. Изилдөөчүлөр менен миңдеген көрөрмөндөр, угармандар аралаш жүргөн, майрам түспөлдөнгөн бул чогулуштарда элдик ырчылар, манасчылар, күүчүлөр, санжырачылардын өз өнөрүн көрсөтө турган, көкүрөгүндө сактап келген элдик адабият байлыктарын өз ара алмаштыра турган шарт-жагдай түзүлгөн. Чогулушта элдик адабият, этнография боюнча жазылган макалалардын окулушу, чогулушка эл оозеки адабият байлыктарын сактоочу, жыйноочу, таратуучу карапайым өнөрпоздордун көп санда катышуусу аталган жыйындардын эл оозеки адабиятчылар майрамына окшогон түсүн ансайын коюулаштырып жиберди.
Аралыкта бир нерсени эскертип кетүү керек. Кыргыз таануу илими жана кыргыз фольклору санжырачылар менен тыгыз байланышып турат. Мындайча айтканда улуттук маданият тарыхы, фольклор, салт-санаа тарыхы жөнүндөгү эң түпкү баянды биз улуттук санжырадан жолуктурабыз. Кыргыз санжыраларында кыргыз тарыхы, уруулар абалы эле сүйлөнүп калбастан, элдик адабият, маданияттын түпкү тарыхы жөнүндө да кеңири сөз болот.
Санжырачылык азаттыктан бери болуп да 80-жылдардан кийин жакшы кырдаалга киришти. Ал кадимден тартып оозеки жана кол жазма түрдө айтылып келсе, азыр китеп иретинде өз алдынча жарыялануу баскычына кирди. Жуңго кыргыздарынан чыккан санжырачылардан Үсөйүн ажы Асанаалы, Төлөк Төрөкан, Султанаалы Борбодой сыяктуу аксакалдар айткан санжыралар азыркы учурда кагазга түшүрүлүп, алды басмадан чыкты.
Үсөйүн ажы Асанаалынын калемине таандык «Кыргыз санжырасы»31 деген китеп элибизде эле жарык көрүп калбай, Кыргызстандын «Алатоо» журналынан жана «Кыргыздар»32 деген атайын чыгарылган илимий жыйнактан орун алган.
Үсөйүн ажынын санжырасында кыргыздардын байыркы, жакынкы тарыхы, уруулардын бөлүнүшү, андан чыккан атактуу адамдар жөнүндө гана сөз болуп калбай, байыркы кыргыздардын диний ишеними, маданияты, салт-санаасы, адабияты, тили, жазуусу, көркөм өнөрү жана «Манас» дастаны сыяктуу орчундуу темалар боюнча көптөгөн кундуу баяндар ортого коюлган.
Жусуп Мамай айткан «Тилекматтын баяны»33, Султанаалы Борбодойдун «Кыргыз календары»34 жана көп жылдардан бери иреттелип, басмага дайындалып жаткан Төлөк Төрөкандын «Кыргыз санжырасы» сыяктуу кыргыз таануу илимине таандык болгон санжыралар, баяндар эл оозеки адабиятына мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөргө аябай канык болгондуктан, биз бул чыгармаларды атап өтпөй коё албайбыз.
Болуп да жогорку санжыраларда түрдүү кошоктор, ырлар, учкул сөз, макал-ылакаптар, тамсилдер көптөп жолугат. Ал түгүл ошол элдик чыгармалардын келип чыгышы, автору, таралышы санжырада айтылып калган болот.
Демек, эл ооз адабиятынын тарыхы кыргыз санжыралары аркылуу бизге жетип келген. Ошого жакынкы жылдардан берки элдик санжыраларды жыйноо, иреттөө, басмадан чыгаруу иштери кыргыз маданият тарыхы жана эл оозеки адабият тарыхын изилдөөнүн алгачкы жумуштары иретинде колго алынып, көңүл жубатарлык саамалыктар колго келтирилди.
1990-жылы 12-айдын соңунда Үрүмчүдө ачылган «Тунгуч иреттик мамлекеттик «Манас» илимий таануу жыйыны» элибизде кыргыз эл оозеки адабиятын изилдөө, болуп да «Манас» эпосун изилдөөнүн жаңы катмары ачылганын айгинеледи. Жыйынга жуңго эл адабиятчылар коомунун орунбасар төрагасы, атактуу аалым Жажы, жуңго коомдук илимдер академиясы аз сандуу улуттар адабиятын изилдөө институтунун изилдөөчүсү Лаңйиң, Жаң Йенпиң сыяктуу ханзу изилдөөчүлөрү менен көп сандагы кыргыз изилдөөчүлөрү тең катышып, өздөрүнүн эң жаңы изилдөө натыйжаларын кең-кесири ортого салышты. Кыргыз, ханзу, уйгур, хуйзу улуттарынан болгон изилдөөчүлөр жазган 47 парча макаладан 30 парчасы тандалып, жыйында окулду. Эң көңүл бура турганы Жусуп Мамайдын «Мен «Манасты» кантип айтып калдым?» деген темадагы сөзү болду. Эпос боюнча ачылган мындай жыйынга эпос айткан адамдын өзү катышып пикир бериши жана ошол адам жөнүндө жазылган макалалардын окулушу дүйнө эпос изилдөө тарыхында көрүнбөгөн окуялардан экендиги анык болду.
Жыйында «Манас» эпосунун трагедиялык мааниси, анын кыргыз тарыхы менен болгон байланышы, элдер достугу, чапкынчыларга каршы туруу, образдар, эпос жаралган доор, «Илиада», «Одиссея», «Жангар» эпостору менен болгон байланышы, эпостун көркөмдүгү, обону, эпостогу курал-жарак, ырым-жырым, философиялык маани, эпостун варианттары, курулмасы, драмалык касиети, социалисттик кыргыз адабиятына болгон таасири, Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрү, эпостун мамлекет ичи жана сыртында изилденүү абалы сыяктуу өтө кеңири теманы камтыган илимийлиги, жаңылыгы күчтүү макалалар окулду. Бу жыйындын өзгөчөлүгү макалалардын сапаттуулугунда жана изилдөө санына көптөгөн жаштардын кошулгандыгында болду. Жыйын барышында «Манас» эпосу боюнча иштелген 30 жылдык кызматтын көргөзмөсү да ачылды. Бу жыйында эпос изилдөөчү лөрдүн мурунку тажрыйбалары жыйынтыкталып, илимий талаш-тартыш кызуу жүргүзүлдү. Эпос боюнча эң жаңы, өзгөчө байкоолор ортого коюлуп, орток караштар корутундуланып чыгылды. Жыйынга кыргыз изилдөө чүлөрдөн С.Өмүр, Н.Жаңыбай, И. Абыкан, М.Өмүрбай, Н.Үсөнаалы, Т.Кылычбек, Ч.Жакып, А.Матили, Ч.Жусуп, Т.Турду, Ч.Асанаалы, Т. Абдылда, А. Максүт, А. Жуматурду, Т.Ысак, С. Дабыт, Т. Аамат, М. Мамбетакун сыяктуу аксакалдар, орто жаш, жаш муундардын өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн илимий караштарын баяндашты. Кыргыз эл оозеки адабиятын изилдей турган бул улуттук кошундун курамы андан да көп ысымдар менен толуктанат. Бизде андай жагдай бышып жетилүүдө. Андан башка ханзу, хуйзу, уйгур изилдөөчүлөрдөн Лаң йиң, Жаңйо, Лиу фажун, Жан йенпиң, Чийен миңси, Хи жинхоң, Аблажан Мамет өңдүү боордош улуттун изилдөөч үлөрү дилгирлик менен жазылган макалаларын окушту. Болуп да Кашкар сифет шөйуандын жаш окутуучусу Аблажан Мамет кыргыз зияллары менен биргелешип кыргыз эл оозеки адабияты боюнча болуп да «Кожожаш», «Манас» эпостору боюнча бир канчалаган макалаларды жазып, кыргыз, уйгур тилдеринде жарыялап келген эле. Ал кыргыз адабият тарыхын системалуу изилдебеген азыркы жагдайда, түрдүү материалдарды жыйнап, тырышып-тырмышып «Кыргыз адабият тарыхы» деген ат менен эки бөлүмдү китеп жазган. Бул китеп май басмада басылып Кашкар сифет шөйуан окуучуларынын кыргыз адабияты боюнча окулугу катары таратылган. Бул китепте адабияттын бардык түрү жөнүндө бөлүп да, эл оозеки адабияты, кыргыз жомоктору, эпостору, элдик ырлары жөнүндө айрым, кеңири баяндар берилген. Китепте көптөгөн жетишсиздиктер болгону менен, азыргыча жазылып бүтпөгөн кыргыз адабияты тарыхына башка улут өкүлүнүн ушунча батылдык менен кайрылышы тилге алууга арзыйт. Өз сөзүбүзгө келсек, «Манас» эпосу боюнча ачылган тунгуч иреттик жыйында Лаң йиңдин «Манастын» трагедиялык асемдиги», Жаң Иенпиңдин «Көп улуттуу маданият желесиндеги Алмамбеттин образы», Лиу фажундун «Каныкей – таалайы татаал аялдын образы», Макелек Өмүрбайдын «Манас» эпосундагы тарыхка башбакканда», Жумакадыр Жакыптын «Кыргыз элинин тарыхый эпосу «Манас» жөнүндө» дегендей бир сыйра макалалардын өзгөчө кызыгуу туудургандыгын атайын эскертип кеткен оң. Эгер бул жыйында окулган макалалар жөнүндө бирме бир токтолсок анда айтар сөз арбын табылмак.
Жонунан санап өтсөк бул иретки макалаларда өзгөчөлүктөр байкалат. 1. Эпосту түз сызык боюнча мазмундук жактан изилдөөнүн ордун «Манас» эпосунун кыргыз элинин эң байыркы мифологиялык мүнөздөгү адабияты катарында эпостоштурулган мазмуну менен кийинки доорлордо көркөмдөштүрүлгөн романтикалык тарыхый мүнөздөгү реалисттик ыкмасын теңме-тең коюп, айрым жана тутумдаш изилдөө ээлеген. 2. «Манас» эпосун жалгыз сызык боюнча так тараптан изилдөөдөн дүйнөлүк эпостор менен түрк тилдүү улуттардын эпостору менен өтмө катар салыштырып изилдөөгө өткөн. 3. Эпостогу окуяларды, аскерий жүрүштөрдү, каармандык кыймылдарды изилдөөдөн эпостогу философиялык, эстетикалык кунарды, трагедиялык, гумандуулук түстү ачып берүү, образдардын көркөм сомдолушун, татаалдыгын чечмелөө күрдөөлдүү орунга өткөн. 4. «Манас» эпосунун кыргыз эл оозеки адабияты менен болгон байланышы, орду, жалпы кыргыз адабиятына болгон таасири, эпостун адабий кымбаты, маңызы назария жактан бир кыйла илимий толук корутундуланган.
Демек, бул кезде изилдөө «Манас» эпосуна жалпы жонунан макролук жактан баа берүүдөн микролук изилдөө, катмарларга бөлүп караштыруу, ички, жашырын, каймана түрдөгү маани-маңызын таап чыгуу, тилдик, курулмалык, көркөмдүк сапаттарын аныктоо сыяктуу илмилиги күчтүү болгон темалар алгачкы кадамда чечмелөөгө алынган. Кийин бул жыйында окулган макалалардын артыкчылыктары жөнүндө мамлекеттик басма сөздө айрым тааныштыруулар алып барылды.
Жыйында «Манас» эпосуна 30 жылдык мээнетин сиңирген коллектив жана жеке адамдарга сыйлык берилди.
Жусуп Мамайга башкы адис изилдөөчү деген кесиптик анык китепчеси тапшырылды. «Манас» кызматы боюнча ардак сыйлык алгандар: Тау йаң, Лаң пиң, Лийу шуфу. Эрекче сыйлык алгандар: Жусуп Мамай; биринчи даражалуу сыйлык алгандар: Шаршыбек Сыдык, Амантур Байрак, Сакен Өмүр, Сатыбалды Аалы, Лиу фажун; экинчи даражалуу сыйлык алгандар: Эшмат, Осмон Намаз, Үсөйүн ажы, Пазыл, Шаң шижин, Үсөнаалы, Алымкул, Ху жинхуа; үчүнчү даражалуу сыйлык алгандар: Асанбай
Матили, М. Эрги, Оргалча Кыдырбай, Норуз Үсөнаалы, Жумалай Жусуп, Хи шинмек сыяктуулар болду. Сыйланган коллектив орун: Жуңго эл оозеки адабияты, көркөм өнөрчүлөр коому Шинжаң бөлүмчөсүнүн кыргыз эл оозеки адабият изилдөө ишканасы болду.
Жогорку сыйлык өтө кечигип берилгенине жана тизимдикте кичине алды-арты болуулар болгонуна карабай «Манас» эпосу боюнча 30 жыл эмгек сиңиргендер жана кийинки улуу жолду жолдогондор үчүн көңүл жубатарлыктай урмат-сыйдын белгиси болуп калды. Ошондой эле кийинки иштелчү кызматтарга демөөр болду. «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн тунгуч иреттик мамлекеттик талкуу жыйынында окулган макалалар ханзу, уйгур, кыргыз тилдериндеги түрдүү мамлекеттик автоном райондук жана жерлик басма сөздө уландуу жарыялангандан тышкары «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы»35 деген ат менен айрым китеп болуп жарык көрдү. Бул жыйнак жуңго кыргыздарында алгач ирет кыргызча жарык көргөн «Манас» эпосу жөнүндөгү изилдөө макалалар топтому болуп калды.
1991-жылы 4-айдын 6-күнү «Манас» кызматы боюнча акбарат жарыялоо жыйыны мекенибиздин борбору Бейжинде ачылып, бүтүн мамлекетке жана дүйнөгө жуңго кыргыздарынын улуу мурасы «Манас» эпосунун кыргызча жана ханзуча нускалары чыныгы түрдө басмадан чыгып жаткандыгын жарыялады. Бул жарыя тек гана эпостун басылып чыккандыгын уктуруу гана эмес, «Манас» изилдөө кызматы жаңы тарыхый доорго кирип, мамлекетке, дүйнөгө карай бет алганын шүкүттөө эле. Акбарат жарыялоо жыйынына улай 8-апрелинде борбордук улуттар көргөзмө сарайында «Манас» кызматынын жыйынтык көргөзмөсү да болуп өттү. Көргөзмөнүн ачылуу аземине борбордогу жана Шинжаң уйгур автоном райондук партия, өкмөт жетекчилери менен изилдөөчүлөр болуп 300 дөй адам катышты.
Көргөзмөдө «Манас» кызматы боюнча 30 жылдан бери колго келген натыйжалар, эпостун жыйналган түрдүү варианттары, түрдүү алгачкы кол жазмалар, сүрөттөр, изилдөө материалдары сыяктуу өтө баалуу жана маанилүү буюмдар ашкере көрсөтүлдү. Акбарат жарыялоо жыйынына жана көргөзмөгө Жусуп Мамай, Сатыбалды Аалы сыяктуу залкар манасчылардын өзү катышкан, көргөз мөнүн мамлекет борбору Бейжинде ачылганы кыргыз маданият тарыхындагы маанилүү окуялардан болуп калды. Көргөзмөнү борбордогу ар салаа көрөрмөндөрүнүн 50 миң адам катымдан ашуун киши көрдү. Борбордук телевидениеден кыргыз эпосу жана анын көргөзмөсү өз маалында тааныштырылып турду. Ошентип, «Манас» эпосун үгүттөө, дүйнө элдерине тааныштырууда маанилүү кызматтар иштеле баштады.
Жакынкы жылдардан бери кыргыз, ханзу тилдеринде чыга турган гезит-журналдарда кыргыз эл жомоктору, ырлары, дастандары жөнүндө көлөмдүү изилдөө макалалары жүйүр жарыялангандан сырт чет эл изилдөөчүл өрүнүн, болуп да Кыргызстандык изилдөөчүлөрдүн илимий эмгектери мамлекет ичинде түрдүү тилде жарык көрүүдө. 1990-жылы «Жуңго элдик маданият сериялары» наамынан «Жуңго аз сандуу улут каармандык эпосу «Манас»36 деген атайын жазылган илимий эмгек ханзу тилинде басылып чыкты.
Жуңго коомдук илимдер академиясы аз сандуу улуттар адабиятын изилдөө ордунун аял изилдөөчүсү Лаң Йиндиң калеминен жаралган бул китеп жуңго кыргыз адабият тарыхында мамлекеттик басмадан ханзу тилинде ашкери жарык көргөн «Манас» эпосу жөнүндөгү алгачкы илимий эмгек болуп саналат. Китепте «Манас» жана кыргыз эли», «Манастын» калыптанышы жана өнүгүшү», «Баатыр Манастын өмүрү», «Манастагы» кейипкерлер», «Манастын» көркөмдүк белгилери», «Манас» жана кыргыз эл ооз адабияты», «Манас» жана дин», «Манасчы эпостун мураскери жана жаратуучусу» деген сегиз чоң мазмундун астында жыйырма үч тема боюнча илимий изилдөө жүргүзүлгөн. Лаң Йиң кыргыз элинин рухий дүйнөсүн, тарыхын, салт-санаасын түшүнүп жана сүйүп туруп, анан кыргыз эпосуна кайрылган. Ал эпостун тышкы көрүнүштөрүнөн көрө ички катмарына, рухуна, идеясына, көркөмдүгүнө үңүлүп, илимдиги күчтүү болгон караштарды ортого койгон. Ошондуктан, ал эмгегин «Кыргыз элинин улуттук руху – «Манас» деген тема менен баштаган.
Лаң йиң китебинде «Манастын тагдыры алардын, угуучулардын жүрөк кылын терметет. Манастын каармандык салакасы алардын көңүлдөрүн муютат. Алар мезгил жана мейкиндиктин барлыгын унутуп, кыял кушу баатыр Манастын иш-издерин сая кууп, ээрчип-эргип отурат»37 деген баянды жазуу аркылуу «Манас» менен кыргыздын доор, тарых, коом алкагынан чыгып кеткен өзгөчө бир кейипте байланышып турарын, бул байланыш өткөн менен азыркынын, аксакал менен баланын, эр менен аялдын ортосундагы айырманы четке кагып орток болгон көңүл күй жарандарын, ошого ат жалына казан аскан байыркы жоокерлик доордогу же уруш оту алоолонгон орто кылымдагы, чин убагындагы, гоминдаң кезиндеги же болбосо социалисттик мезгилдеги кыргыздар болсун, же Кыргызстандагы, Афганстандагы кыргыздар болсун бардыгы «Манас» эпосу менен өзгөчө сырлуу эстетикалык байланышта болоорун түздөн түз көрсөтө алган.
Лаң Йиң изилдөөчү катары улуу океандай кеңирсиген «Манас» эпосуна деңиз карлыгачындай сүңгүп, анын эң маанилүү, кунарлуу темаларын изилдеп, кыска болсо да чыңалган жыйнакталган тил менен назариялык деңгээли дүйнөлүк ченемге шыпкап барган байкоолорун ортого салган. Жакында Лаң Йиңдин дагы бир чоң чыгармасы – «Манаска» жоромол»38 деген китеби басмадан чыкты. Бул чыгармада изилдөөчү алдыңкы изилдөө натыйжаларын жыйынтыктап, ошонун негизинде кыргыз элинин каармандык тарыхый эпосу «Манас» жөнүндө телегейи тегиз анализ жасаган. Китеп 11 бап, 39 кичи темадан курулган болуп эпостун жаралган доору, таралышы, өнүгүшү, сакталышы, асемдиги, курулмасы, эл ооз адабияты жана түрк тилдүү, элдердин эпостору менен болгон байланышы сыяктуу темалар бирме-бир, терең ачылып берилген. Бул эмгек жуңго кыргыздарынын эпосу, «Манасты» изилдөөдөгү көрүнүктүү натыйжалардын эң тилге татыктуусу болуп калды.
Лаң Йиңдин «Манас» эпосун жоруган бул эмгеги жөнүндө узун сабак сөз кылууга болот. Бир ооз сөз менен жыйынтыктаганда «Манасты» изилдөө мамлекетибизде Лаң Йиң баштаган изилдөөчүлөрдүн таланттуу, ары кажыбас издениши барышында эң кызуу жана маанилүү мезгилге кирди десек болот.
Жалпысынан алганда мамлекетибизде «Манас» изилдөөнүн чыныгы системасы жаралып болду. Эпосту изилдөөнүн эпкини менен жалпы кыргыз эл оозеки адабиятына болгон кызыгуу ашты.
Бирок «Манас» кызматы тарыхы мүнөздөгү өтө чоң көлөмдүү, узак жылга созулчу чоң курулуш түрү болуп, адам күчү жана заттык күч бир уюлга – «Манас» эпосуна борбордоштурулган болуп, эл оозеки адабиятынын башка түрлөрүн изилдөө бир кыйла кечигип колго тийүүдө жана чыныгы түрдө колго алына элек. Эгер «Манас» эпосун изилдөөдөгү дүйнөлүк тажрыйбаларды, өзүбүздүн 30 жылдан ашуун уланган кызмат натыйжаларыбызды, изилдөө барышында жетилген билим курулмаларыбызды эл оозеки адабиятынын башка түрлөрүнө сыяктандырып изилдөө алып барсак жакын арада кыргыз эл оозеки адабиятын системалуу изилдөөнүн жаңы багыты ачылып, жаңы натыйжаларды колго келтирүүдө шек жок. Лаң Йиңдин сөзү менен айтканда: «Өзүбүздүн аракетибиз аркылуу акырындап жуңго «Манас» изилдөө илимий агымын түптөшүбүз керек»39 болуп турган азыркы жакшы кырдаалда жуңго кыргыз эл оозеки адабиятын изилдөөнүн алтын келечеги ачылууда.
Эгерде кепти жасалмалабай айтсак, кыргыз эл оозеки адабияты жана жуңго кыргыздарынын «Манасы» жуңгодогу 142 миң нопустуу кыргыз улутунун адабиятын дүйнөгө дүң кылып турууда жана жетектегич маанидеги милдетти өтөп келүүдө. Биз ушуну менен сыймыкта набыз.
Биз төмөндө бүгүнкү күндө өмүр сүрүп жаткан манасчы, санжырачы өнөрпоздордун өкүл иретинде он канчаны тааныштырабыз. Бул баян элибиздеги аты белгилүү болгон 80ден артык манасчы жана жүздөгөн элдик адабиятчылардын четинен берилген учкай маалымат болуп, эчендеген таланттар жөнүндө түрдүү себептер айынан кеңири сөз берилбей калмак. Мисалы, Сартакун, Султанаалы, Лалыкан Өмүш, Айшабай, Бекир Гайып, Орозобай Матак, Дөөтбай, Алтын Казак, Каар Аамат, Тилен Токто, Жолон Аалы… сыяктуу эл казынасын көкүрөгүнө кыттай куйган чечендер жөнүндө айрым сөз кылуу зарыл эле.
Кыргыз адабият тарыхын изилдөө жана жазуу иши эми гана колго алынып жаткандыктан, тажрыйба жана изилдөөнүн тайыздыгынан билип туруп нечендеген кемчиликтерге жол берүүгө туура келди. Ал түгүл 60-жылдардан бери маалым болгон манасчылардын өз кезинде жазып алынган материалдарын толук карап чыгуу мүмкүндүгү жаралбады. Ошого колубуз жеткен манасчылар жөнүндө учкай сөз кылуу менен чектелдик, дагы нечен ашкан талант ээлери, чоң манасчылар эл арасында катылып жүрүүдө. Аларды таанып, изилдеп чыгуу иши кечиктирилгис милдет болуп турууда.
А Д А Б И Я Т Т А Р
- Ху жинхуа. «Кыргыз тили текшерилүүдө» (кабар), «Кызылсуу гезити», 1957-жыл 27-январь.
- «Тыян-Шан», 1961-жыл, № 1 (кытайча).
- «Тарых», 1961-жыл, № 2 (уйгурча).
- «ШУАР улуттар эл оозеки адабият материалы» – кыргыз эпосу «Манас», 1-и, 2-том, 1961-жыл, Үрүмчү.
- «Шинжаң гезити» 1961-жыл 12-ай 14–15-күнкү сандары.
- «Эл оозеки адабияты», 1962-жыл 5-ай.
- «Манасты изилдөө материалдары», 1979-жыл, октябрь (Бейжин).
- «Манас жана аны изилдөө абалы», (Ху жинхуа), 1980-жыл.
Май басмасы, Бейжин.
- «Акчий эл ырлары», Үрүмчү улуттар басма зооту, 1991жыл.
- «Акчий эл жомоктору», Үрүмчү улуттар басма зооту, 1991жыл.
- «Акчий адабияты», 1979-жыл, № 2, 3, 4, 5.
- «Акчий адабияты», 1979-жыл, № 6.
13–22. Бул китептер 1984-жылдан 1991-жылдын аралыгында Үрүмчүдөгү Шинжаң эл басмасы менен Артыштагы кыргыз басмасынан жарык көргөн.
- «Манас», I том, Шинжаң, эл басмасы, 1990-жыл (кытайча).
- «Жибек жолу» (журнал), 1979-жыл, № 1.
- «Орто Азия» (журнал), 1982-жыл, № 1, 2. (Франция).
- «Түрк фольклору», 1986-жыл, 8 (Туркия).
- Карл Решл (Германия), 1989-жылдын 1-сентябринде Үрүмчүдө бир иреттик илимий маекте кабарлаган.
- «Улуттар адабиятын изилдөө» (журнал), 1990-жыл, №2 (кытайча).
- «Жуңго аз сандуу улуттар адабияты», 2 томдук, Хинен эл басмасы, 1983-жыл (кытайча).
- «Бул коом», Үрүмчүдө курулган массалык уюм (1985жылы).
- Кызылсуу кыргыз басмасы, 1989-жыл, Артыш.
- К. Жусупов түзгөн «Кыргыздар» 2 томдук, «Кыргызстан» басмасы 1991-жыл.
- «Алатоо» журнал, 1991-жыл, № 9, 10.
- Кызылсуу кыргыз басмасы, 1990-жыл, Артыш.
- Шинжаң эл басмасы, 1991-жыл, Үрүмчү.
- Жиежаң агартуу басмасы, 1990-жыл (кытайча).
- Лаң йиң «Жуңго аз сандуу улут каармандык эпосу «Манас», 2-бет, Жиежаң агартуу басмасы.
- Йек Муңгул университети басмасы, 1991-жыл (кытайча).
- Лаң йиң «Манаска жоромол», 20-бет, Йек Муңгул университети басмасы, 1991-жыл.
ЗАМАН МАНАСЧЫЛАРЫ
ЭШМАТ
Эшмат Мамбетжусуп (1880–1963) кыргыз элинин залкар манасчыларынын бири. Ал азыркы Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу Улуучат ооданы, Кызылой айлы, Акбулак кыштоосунда дүйнөгө келген. Эшматтын атасы айылдагы көзгө көрүнгөн манасчылардан эле. Атанын жетектеши менен Эшмат бала кезинен тартып «Манас» эпосун үйрөнө баштайт.
Ал жалаң гана «Манас» айтууга шык байлап калбай, айылдагы ырчы-жомокчулардан кыргыз эл оозеки адабиятынын түрдүү жанрдагы мурастарына кызыгып, өкүлдүк мүнөздөгү чоң дастандардан «Эр Төштүк», «Курманбек», «Кожожаш», «Жаныш-Байыш», «Куш төрөсү – Буудайык» сыяктууларды да жатка айтууну үйрөнгөн.
Бул кезде кыргыз элдик адабияттарынын ооздон-оозго өтүп турушуна көчмөндүк турмуш жана жайлоо маданияты жетектегич мааниде оңтойлуу жагдай жаратып турган эле. Той-топур, майрам, жыйлыштарда элдик өнөрпоздор жосундуу түрдө негизги ролду аткарышкан. Ошол өнөрпоздордун өнөрүн көрүү үчүн көрөрмөн, угармандар алыс-алыстан ат арытып келип, атайын жыйылган. Мындай чоң сорун Акбулакта уландуу түзүлүп турган. Мындай ыр-күү арасында эс тарткан Эшмат манасчылардын өнөрүн ийгерип калууга көп дилгирленген. Бул кездерде карапайым элден тартып, бек-бийлерге чейин кандай караштагы, кандай мүнөздөгү адам болгонуна карабай эл мурастарын аздектөөдө салтка айланган ортоктукту, бирдейликти сакташкандыктан элдик чыгармалар эркин түрдө өнүгүп, өсүп, байып, таралып отурган. Жерлик бий Арзымат өз кезинде атагы алыска тараган өнөрпоз Ырысбайды чакыртып келип, айылдагы зирек балдарды чогултуп, анын өнөрүн үйрөнүүгө уюштурган. Ырысбай элдик дастандарды, ыр, жомокторду атайын өспүрүмдөргө үйрөтүп, шарттап жетиштирген. Мындай чөйрө жана адабий кыймылдар Эшматтын чоң өнөрпоз, чоң манасчы болуп чыгышында маанилүү ролду ойногон.
Акбулактык белгилүү байдын Карачач деген кызын Атбашылык атактуу манасчы Асанбек өз никесине алган. Эшмат Карачачты эже, Асанбекти жезде кылып, Атбашыга барып, Асанбектен «Манас» үйрөнгөн. Он алты жаштагы Эшматтын «Манаска» ушунча берилип, ынтызар болгон пейилинен таасирленип, билген өнөрүн шыпкап үйрөткөн[1]. Дагы бир айтууларга караганда Эшмат жакынкы заманда өткөн чоң манасчы Тыныбектин айылына барып, аны устат тутуп, төрт жылдай анын өнөрүн үйрөнгөн[2]. Бул учурда Россия менен Чиндин Орто Азиядагы чек арасы бөлүнгөн болсо да, чек ара тоомунда жашаган кыргыздар эч кандай тоскоолсуз бир-бирине каттап турушкан. Өлүм-житим, той-топур, чоң жыйындарга да өз ара барып келишкен. Маданий алака, болуп да элдик адабият мурункудай шыдыр жүрүп турган. Ошого Эшмат Алатоо жана Теңиртоо өрөөндөрүнө орчундуу тараган элдик адабият менен кеңири учурашуу мүмкүндүгүн алган. Бу менен Эшматтын билген нерселери көбөйүп, элдик адабиятты аткаруу чеберчилиги артып, атагы алыстарга тараган. Айтууларга караганда Эшмат өз кезинде «Манас» эпосунун жети бөлүмүн айтууга жетишкен.
Жерлик бий Арзымат Эшматты жанына алып, алысжакындарга чыкканда бирге ээрчитип, чоң топ, калың эл жыйылган чогулуштарда «Манас» айттырган. Ал «Манас» жомогун күндөп, түндөп, айлап, жылдап айткан кара жаак манасчыга айланган. Бир ирет Эшмат Маралбашыда аскерий милдет өтөп жаткан тагасын жоктоп барып, атайын уюштурулган чайда он беш күн «Манас» айткан. Угуп отургандар таң калып Эшматты «кыргыздын торгою» экен деп баалашкан. Үй ээси анын алдына ат тартып, үстүнө тон жапкан. Эшмат атагы алыска кеткен манасчы катары Алатоо жана Теңиртоо арасындагы кыргыздардын урматына бөлөнүп, аш-тойлордо атайын чакырылып турган. Ал кездерде кыргыздар чоң чогулуштардын салтанатын ырчы, комузчу, манасчылары аркылуу баалашкан. Болуп да манасчыларды чакырып, жомок айттыруу той ээсине, ошол журтка аброй алып келген. Мындай жагдайда манасчы Эшматтын барган жери шаңга толуп, сайран жүргөн.
1929-жылы Терек айлында төрт чоң байдын ашы бир берилген. Ашка он сегиз айылдан жана Кыргызстандын коңшулаш айылдарынан сан миң адам келип, аш жети күнү созулган. Көйкашка манасчы болуп жетишкен Эшмат бул соорунда өнөрүн чындап көрсөткөн. «Манас» эпосун мындай төп келиштирип айткан манасчыга таң калган. Кыргызстандык угармандар Эшматты «талыкпас ырчы», «жуңгонун булбулу» деп аташкан.
Эшмат 16 жаштан баштап манасчылык өнөрдү ийгергенден тартып бул кесип менен өтө узун алпурушкан. Кырктан алтымыш жашкача болгон аралыкта ал аткаруучулук өнөрүнүн алтын доорун баштан кечирген. «Манас» эпосун кыдырып айтуу барышынын узундугу жагынан ал өз алдынча рекорд жараткан өнөрпоз болгон. 30–40-жылдары Шиң шисей Совет менен болгон чек ара соодасын ачып жиберген кезде Эшмат уландуу чек ара аттап, кыргызстандык кыргыздар арасына барып «Манас» айтып жүргөн. Ошентип, ал кыргыз эпосунун мезгил жана мейкиндик, мамлекет жана түзүм чектемесинен алкып, жалпы кыргыз элине бирдей таралышта орошон салым кошкон манасчылардын бири болгон. Азаттыктан кийин дагы Эшмат «Манас» айтууну токтоткон эмес. Бирок картайып калгандыгына байланыштуу мурункудай дилгирленбеген. Анын үстүнө тарыхый кырдаал дагы жакшы болбогон. 1961-жылы «Манас» эпосун текшерүүчүлөр Эшматка жолугуп, алгач ирет анын оозунан «Манас», «Семетей» эпосторунан эки бөлүмдү жазып алышкан. Текшерүү группасындагылар өз убагында башка бөлүктөрдү толук жазып алууга чамасы келбей калып, 1964-жылы экинчи ирет келгенде асыл манасчы Эшмат бир жыл мурун ааламдан өткөн эле. Бу менен «Манас» изилдөө иштери, кыргыз элинин рухий мурасы зыянга учурады. Муну ар канча өкүнгөн менен толуктап алгалы болбой турган жоготуу эле.
Эшмат манасчы катары өзүнүн өнөрпоздук барышынын кызыктуу учурларын азаттыктан мурун өткөргөн. Ал чек ара аттаган манасчы катары XX кылымдын башында кыргыз элине, угармандарга «Манас» эпосунун асыл бөлүмдөрүн тартуулап, алардын маданий турмушун куунаткан, кубанычка бөлөнгөн. 1944-жылы жыгын айында өткөрүлгөн бир иреттик ашта Эшмат ак үйдүн ичинде «Манас» айткан. Эшматты көрүп, анын айткан жомогун угуп, кулагын сүйүнтүп, көңүлүн көтөргүсү келген угармандар үйдүн ичи-сыртына батпай сүрдүгүп, ак үйдү тебелеп кетишкен. Бул окуя элдин эпоско, Эшматка болгон кызыгышынын канчалык терең, күчтүү экендигин далилдеп берет.
Эшматтан жазып алган эпостун эки бөлүмүнө назар салсак Эшматтын варианты мазмун, ыкма, көркөмдүк, курулма, тил жактан өз алдынча өзгөчөлүктөргө бай экендиги байкалат. Эгерде Эшматтан ал билген жети бөлүм түгөл жазылып калган болсо ал вариант Ж. Мамай варианты менен теңтайлашкан эгиздин жубайы болмок экен. 60-жылдары «Манасты» текшерүүгө, жыйноого катышкан изилдөөчүлөр Эшмат вариантынын өзгөчөлүгү жөнүндө эскертип, аны ханзучага которуу керек деген чечимге келишкен.
«Манас» эпосун атайын изилдеп жаткан манасшуназы Лаң йиң өзүнүн «Манаска» жоромол»[3] деген илмий эмгегинде Ж. Мамай менен Эшмат варианттарындагы бирдейлик жана ажырымдыкты салыштырып отуруп, Эшматтын эпос айтуу өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн тыянактап чыккан. Лаң йиң Эшмат вариантынын окуялыгы таза, мазмундуулугу карапайым, байыркы тематикалар жана байыркы маданият саамалыктары арбын, тили жөнөкөй, баяндоо ыкмасы салмактуу экенин белгилеген.
Эшмат вариантында эпостун жөрөлгөлүү бөлүмдөрү ошончо анык, ичи-боору менен берилгендиги, кыргыз эл оозеки адабиятынын баяндоо салттуу ыкмалары кеңири колдонулгандыгы окуган адамга оңой билинет. Андан башка «Таласты коргоо», «Манастын Сайкал менен беттешиши», «Көкөтөйдүн ашы», «Манастын өлүмү», «Манасты жерлигине тапшыруу», «Семетей менен Багыштын согушу», «Семетей менен Үмөтөйдүн достошушу», «Канчоронун кастыгы» сыяктуу эпостогу зарыл бөлүмдөр Эшмат вариантында белгилүү өзгөчөлүктөргө канык болгон. Жогоруда аталган айрым бөлүмдөр башка манасчылардын вариантында, ал тургай Ж. Мамай вариантында да кемден кем тилге алынган.
Эшмат вариантындагы Абыке, Көбөштүн Семетейге жасаган кастыктары жана Семетейдин өз атасы Манас, жери Талас экендигин угуп калышы сыяктуу окуялыктар XIX кылымда орус аалымдары тарабынан жазып алынган «Манастын» айрым бөлүмдөрү менен бирдей экендиги, кадимки сюжеттер Эшмат вариантында өз паты менен сыякталгандыгы белгилүү болду[4].
1982-жылы борбордук улуттар институту, аз сандуу улуттар адабиятын, көркөм өнөрүн изилдөө орду «Манас» группасы наамынан Эшмат айткан эпостун «Семетей» бөлүгү Май басмада басылып таратылган. Азыргыча Эшматтын манасчылык өнөрү арналуу изилденген жок. Андан жазып алынган материалдар жарык көрүү кезегин күтүп турууда.
[1] Лаң Йиң «Манаска» жоромол», 116-бет. Йек Муңгул университети басмасы, 1991-жыл (кытайча).
[2] Ж.Мамай «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» (макала)» «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы», 42-бет, Шинжаң эл басмасы, 1991-жыл, Үрүмчү.
[3] Иек Муңгул университети басмасы, 1991-жыл.
[4] Көрсөтүлгөн адабиятты кара.
ЖУСУБАКУН АПАЙ
Жусубакун Апай (?–1920) жунго кыргыздарынын азыркы заманда өткөн атактуу манасчыларынын бири. Ал азыркы Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу Акчий ооданында жашап өткөн. Туулган жылы белгисиз, 1920-жылы кайтыш болгон.
Үсөйүн Ажынын баянына караганда: «Ал бала чагынан баштап, эл кыдырып, Анжыян, Ошторго барып «Манасты» Алтай ырчы деген кишиден үйрөнгөн. Андан кийин Тыныбек Жапыйдан үйрөнүп, «Манасты» Керметоонун керүүлөрүн кыдырып жүрүп айткан жана эл ичине кеңири тараткан»[1].
Жусубакундун «Манас» эпосунун кыргыз элинин XIX кылымда өткөн атактуу манасчысы Тыныбектен арналуу түрдө бир канча жыл үйрөнгөндүгү жөнүндөгү айтым Эшматтын сөздөрүндө да далилденет. Эшмат мындай деген: «Жусубакун Апай, Сагымбай Орозбак, мен (Эшмат) үчөөбүз жомок үйрөнөбүз деп Жапыйдын уулу Тыныбектин балтасын чаап, жылкысын багып, калтасын кагып төрт жыл жүрдүк»[2]. Демек, Жусубакундун устаттары өз кезинин чоң манасчылары болгон. Устатка туштук шакирт жетишип чыккан.
Жусубакун эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген бөлүмдөрүн айталган. 1916-жылы Россияга каршы козголоң көтөрүп, үрккөн эл менен бирге Акчийге пааналап келген атактуу манасчы Сагымбай Орозбак менен Жусубакундун эл алдында басакелешип «Манас» айтканы баарыга белгилүү. Ошондо Акчий, Үчтурпандагы жерлик бийлер жана ооп келген элдин аксакалдары Карачийде атайы чоң соорун түзүп, эки манасчыны айтышка салган. Алар алым-сабак кылышып, бири токтогон жерден бири улап үч күндөй «Манас» айткан. Эл эки манасчынын өнөрүнө, талантына таң калышып, жогору баа бергендиктен, өз кезинде кыргыз эл ооз адабиятынын эпосторун жыйнап жүргөн Балбай Жусубакундун эпостон билген бөлүмдөрүн кагазга түшүргөн.
Балбай Жусубакун айткан «Казактардын бузулушу», «Сыр коргондун камалы», «Байтайлактын өлүмү», «Коңурбайдын өзү өлүшү», «Кызылуюк дөө», «Жалгыз көздүү Мадыкан», «Жамгырчынын өлүмү», «Буурул аттын бутунун сынышы», «Гүлчоронун Жубатайды өлтүрүшү» сыяктуу бөлүмдөрдү Тыныбектин варианты менен бириктирип, бир бүтүн болгон «Семетейди» кураштырып, толуктап чыгып, аны Ж. Мамайга үйрөткөн. Азыркы кезде Ж. Мамай айтып жаткан «Манас» эпосунун алдыңкы үч бөлүмүнө Жусубакундун варианты негиз болгон. Ушуга караганда Жусубакун чоң манасчылардын катарына өтүүгө акылуу болгон өнөрпоз экендиги мына деп билинип турат. Анын Балбай, Ж. Мамайдан башка Мусажан, Мамбетокто, Кабылакун, Муса Якуп деген шакирттери болгон. Ж. Мамай Балбай аркылуу Жусубакундун манасчылык өнөрүнө мураскердик кылган болсо, Кабылакун, Муса Якуптар төтөлөй Жусубакундан тарбия алган. 1961-жылкы «Манас» текшерүү барышында Жусубакундун шакирттери айткан эпостук бөлүктөр жазып алынган. Ошентип, Жусубакундун мурасы кыйыр түрдө болсо да Ж. Мамай, Кабылакун, Муса Якуп жана аты белгисиз манасчылар аркылуу бизге жеткен. Биз булар айткан вариантты изилдегенде табийгый түрдө Жусубакунду элестетебиз.
Айтууларга караганда, Жусубакундун аткаруу чеберчилиги өтө бийик болгон. Ал «Манас» айтканда эпостун ыргагына карай кыймылын өзгөртүп, опкоолжуп, дүүлүгүп турчу экен.
Жусубакун кыдырып «Манас» айткандыктан кыргыз эпосунун кеңири тарашына, урпактан-урпакка, муунданмуунга жетишине чоң өбөлгө түзгөн.
Ал ар дайым Алатоо тарапка өтүп, элибиз кыргыздары менен коңшу жашаган Алатоо кыргыздары арасына барып, аш-тойлоруна катышып, «Манас» айтчу экен. Бу менен эки журт арасындагы маданий алака үзүлүп калбай, манасчылар аркылуу кыргыз руху бирден миңге өтүп турган.
[1] Үсөйүн Ажы: «Кыргыз санжырасы» 130-бет, Кызылсуу кыргыз басмасы, 1989-жыл, Артыш.
[2] Ж. Мамай: «Мен «Манасты» кандайча айтып калдым» (макала) «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы», 42-бет, Шинжаң эл басмасы, 1991-жыл, Үрүмчү.
ЫБРАЙЫМ
Ыбрайым (? –1950) жунго кыргыздарынын азыркы заманда өткөн атактуу манасчыларынын бири. Ал азыркы Акчий ооданы, Карачий айлында жашап өткөн. Туулган жылы белгисиз. 1950-жылы кайтыш болгон. Ыбрайым өмүр бою карапайым, кедей өткөн адам болуп, бирөөлөрдүн алдында ачылып-жайылып «Манас» айтпаган. «Манасты» кимден үйрөнүп алгандыгы да бел гисиз.
1917-жылдын киришинде Алатоолук атактуу манасчы Сагымбай менен элибиздин чоң манасчысы Жусубакун Карачий деген айылда «Манас» айтуу айтышына түшкөн. Алар «Манастын» «Чоң казат» жана башка бөлүктөрүн эки күн улап айтканы менен «Сейтектен» наркысын билбей турганын эскертишкен.
Ошондо улагада от жагып олтурган Ыбрайым Балбайга тигилер билбеген жерди өзү биле тургандыгын шыбыраган. Балбай: «эмесе сиз айтыңыз» десе, Ыбрайым: «бул желмогуздарга айталбайм» деп, адам жок жерде айтып берүүгө ынаган. Балбай Ыбрайым таякесин көчүрүп келип, ээндеп конуп, анын билген жомогун кагазга түшүргөн[1].
Ыбрайым Балбайга «Манас» эпосунун кийинки беш бөлүмү болгон «Кененим», «Сейитим», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитейлерди» айтып берген. Манасчы бул бөлүктөрдүн жарымын кара сөзчө, жарымын ырлуу аралаштырып айткан экен.
Илгертен тартып «Манас» эпосун оозеки аткаруу мезгил жана мейкиндиктин чектемесине жолугуп келгендиктен белгилүү манасчы белгилүү жерде «Манастын» бардык бөлүктөрүн башынан аягына сыдыра айтып кеталбай белгилүү бөлүктөрдү бөлүп-бөлүп айткан. «Манас» эпосун оозеки үйрөнүүчүлөр дагы ошол бөлөк-бөлөктөр боюнча жатка алган. Ошого айрым бөлүктөрдү арналуу айткан кичи манасчылар көбөйүп жетишип чыкканы менен бир канча бөлүктү түгөл сыдыра улап айткан таланттар сейрек кездешкен. «Манас» эпосунун көлөмүнүн өзгөчө кенендиги, андагы сюжеттердин татаал катмардуулугу, кейипкерлердин арбындыгы айынан бул эпосту толук жатка алуу аябай кыйын болгон. Ал үчүн эсте сактоо курбаттын, чечендиктин чегинен алкуу шартталган. Ушул алдыңкы шарттын катаалдыгынан алганда «Манас» эпосунун үчтөн ашуун бөлүгүн айта алган залкарлар саналуу гана болгон. Болуп да кийинки беш урпакты айтуучулар аябай аз болгон. Ошого караганда Ыбрайымдын мурасы бизге Балбайдын кагазга түшүрүшү, Ж. Мамайдын жатка алышы аркылуу жетип турса да, андан калган бул мурастар кыргыз элинин бул көркөм энциклопедиясын түгөл сактап калууга тарыхый негиз салган. Азыр Ж. Мамай айтып жаткан «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» сыяктуу беш бөлүм тек гана Ыбрайым аркылуу бизге жеткен. Манасчылык тарыхында азыргыча кийинки беш бөлүмдү толук айта алган адамдын материалы жана анын мурасы маалым эмес. Тек гана Ыбрайым аркылуу Ж. Мамайга жеткен мурас дүйнөдө бирден бир үлгү болуп турууда.
[1] Ж. Мамай: «Мен «Манасты» кандайча айтып калдым» (макала) «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы» 42-бет, Шинжаң эл басмасы, 1991-жыл, Үрүмчү.
«МАНАС» ЖЫЙНООЧУ БАЛБАЙ
Балбай Мамай (1896–1937) кыргыз элинин ичинен чыккан көрүнүктүү эл оозеки адабият өнөрпозу жана атактуу «Манас» жыйноочу.
Ал 1896-жылы азыркы Акчий ооданы, Карабулак айлында дүйнөгө келген. Балалык кезинде молдого арналуу окуп, диний кат-сабатын чыгарып эле калбай, Орто Азия адабияты менен кеңири таанышып, айланасындагы «ак жакалуу» билимдүү адамдардын катарынан орун алган.
Балбайдын кыргыз эл адабиятына сиңирген орошон эмгеги «Манас» эпосу баштаган кыргыз дастандарын системалуу түрдө жыйнап, иреттеп, иниси Ж. Мамайга үйрөткөндүгүндө болуп саналат. Ал тек гана «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүн он жети жылга жакын иликтеп, жыйнап, кагазга түшүргөн.
XX кылымдын башкы жылдарында жунго кыргыздары дагы эле маданият жактан аркада, көчмөндүк турмушка байырлап, тышкы дүйнө менен болгон байланышы өтө тыгыз болбой, алыскы тоо кыркаларында жашашкан. Жаңыча агартуу, адабий кыймыл анча жалпылашпаган эле. Ушундай учурда Балбайдын эч кандай уюмдун орундаштырышуусуз, ыктыярдуу түрдө ортого чыгып, өз алдынча «Манас» эпосун жыйноого киришүүсү ашкан акылмандык, алга басарлык эле.
1916-жылы Россиянын чапкынчылыгына каршы кө төрүлүш жасаган Алатоолук кыргыздар жүз миңдеп Түн дүк жана Түштүк Шинжаңга ооп келишет. Бул калың топ менен бирге келген атактуу манасчылар, элдик өнөрпоздор Теңиртоо кыргыздары менен камыр-жумур болуп, манасчылары маараке-тойлордо «Манас» айтышып, элди шаңга бөлөгөн жана өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Балбай мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай түрдүүчө жол менен ар кимдин оозунан ар түрлүү мазмун, ар түрлүү ыкмадагы эпостук материалдарды жыйноого киришкен. Ошентип, ал Сагымбай, Жусубакун, Тыныбек, Ыбрайым, Шапак, Чоюке, Таабалды сыяктуу чоң манасчылардын мурасын төтөлөй жана төтөсүз түрдө жыйнап, ырааттуу кагазга түшүргөн. Нечендеген материалдарды акча, мал карыштап сатып алган. Балбай XX кылымдын баштарында Теңиртоо кыргыздары арасында алгачкылардан болуп өз эрки, кызыгуусу менен саналуу түрдө кыргыз элинин улуу эпосу «Манасты» жыйноо ишин колго алып, таң каларлуу натыйжага киришкен. Ал ара-чолодо токтоп калбай, кашым-кабагым дебей өзүнүн баштаган ыйык ишин уландырып «Манастын» түрдүү вариантын жыйнап, бириктирип сегиз бөлүмдөн турган пирамидасынын түптөлү шүнө төтөлөй эмгек сиңирген. Ал эпостун түрдүү варианттарын жыйнап кириштирип эле калбай, Ыбрайым өңдүү чоң манасчылар кара сөз аралаштырып айткан бөлүктөрдү ырга айландырган. Демек, Балбай жалаң эле «Манас» жыйноочу болуп калбай «Манаска» өзүнүн талантын, акындык эмгегин сиңирген өнөрпоз болгон.
Изилдөөлөргө караганда, Балбай кол жазмага түшүргөн сегиз бөлүмдүү «Манастын» алдыңкы үч бөлүмү Жусубакундун, кийинки беш бөлүмү Ыбрайымдын айтуусун негиз кылган экен. Ыбрайым беш бөлүмдү кара сөз жана ырды аралаштырып айткан. Аларды Балбай ырлаштырган. Андан башка XIX кылымда өткөн манасчы Тыныбек айткан «Семетей» менен Жусубакун айткан «Семетейдин» айрым бөлүктөрүн бир-бирине улаган.
Балбай «Манас» эпосун өз системасы боюнча бириктирип чыккандан кийин бул материалдарды Ж. Мамайга жаттаткан. Байыртан бери оозеки түрдө тарап, чачылып, арбып отурган бул эпосту ырааттуу түрдө кагазга түшүрүү, чогултуу канчалык зарыл болсо, аны кайтадан оозеки жаттатуу ан сайын маанилүү эле. Кайта-кайта жатка айтуу кыргыз эпосуна жаңы кан берген менен барабар эле. Болуп да басма беттери өнүкпөгөн, кол жазманы сактап калуунун мүлдө мүмкүндүгү түзүлбөгөн доордо «Манас» эпосун жатка алуунун өзүнчө тарыхый маңызы бар эле.
Кыргыз адабиятына, маданиятына сиңирген активдүү эмгегинен, аракеттеринен кодуланган Балбайды Шиң өкүмөтү, түрмөгө солоп, ал жыйнаган материалдарды талоорунга алганда Балбайдын узун жылдык эмгек мөмөсү Ж. Мамайдын көкүрөгүндө сакталып калды. Жазмаларды жоготколу, көз жаздым кылгалы болсо да көкүрөктө сакталып калган мурасты өчүрүү мүмкүн эмес экен.
Балбайдын эл ооз адабиятына, «Манас» эпосуна каныккан устаттыгы айынан, эрикпей-зарыкпай катаң, талап коюп Ж. Мамайды тарбиялаган адил тер акынан улам Ж. Мамай доор аттаган, кылым карыткан улуу манасчы болуп жетилип чыккан. Ж. Мамай болбогон болсо сегиз урпактын жомогун камтыган океандай мурас бизге жетпеген болор эле да, Балбай болбогон болсо бүгүнкү «тирүү Гомер Жусуп Мамай манасчы болбогон болор эле. Балбай Ж. Мамайга эпостун өзүн жаттатып эле калбай эпос айтуудагы түрдүү ыкмаларды, чебердиктерди, обон, кыймыл бириккен бир катар баяндоо адистерин үйрөткөн.
Балбай «Манас» эпосунан башка кыргыздын көптөгөн дастандарын да жыйнаган. 1937-жылы Балбай Үчтурпандагы кыргыз агартуу, маданият уюшмасында активдүү иштеп жаткан жеринде Шиң өкмөтүнүн адамдары тарабынан түрмөгө солонуп, ошол бойдон из-дареги болбой калган. Үч жылдан кийин анын айылына каза болгондугу жөнүндө кабар келген.
УШУЛ ЗАМАН МАНАСЧЫЛАРЫ
ЗАЛКАР МАНАСЧЫ ЖУСУП МАМАЙ
Жусуп Мамай элибиздин залкар манасчысы, кыргыз эл ооз адабиятына орошон салым кошкон устат. Эл арада «тирүү Гомер» деп даңкталган, «мамлекеттин көхары».
Ал 1918-жылы февралда азыркы Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу Акчий ооданы, Карабулак айлы, Меркеч кыштоосунун Атжайлоо деген жеринде төрөлгөн. Жусуптун энеси этегине береке берген аял болуп, көкүрөк күчүгү Жусуп менен жыйырма жети бала төрөгөн. Ошолордун эң чоңу Балбай, эң кичүүсү Жусуп жана ортодо бир кыз үчөө бул дүйнөдө жашап калышкан. Калган жыйырма төрт бир тууган тагдырдын» жазымышынан мерт болушкан.
Жусуптун чымыр, зирек болушуна көзү тойгон атасы аны алты-жети жашында айылдагы чоң молдого кармап берген. Жусупту молдого берип жатып Мамай баласына: «бабабыз Манас тогуз жашында жоого барган экен. Сени мен алты жашыңда молдого берип жатам. Биздин Какшаалдын көкүрөк жагында китепти шар окуган, катты ачык жазган үч эле киши бар: Балта Казак, Асанбай, Балбай. Алар кат билгени үчүн калем акысына тай алып, кой алып жакасы кирдебей жеңи жыртылбай, маңдайы тердеп, жаны кыйналбай жүрөт. Билим гүлазык деген ушул балам. Ошого сени да кат таанып, көзү ачылсын деп молдого бердим»1 деген экен.
Зээндүү Жусуп төрт ай ичинде кат таанып, сабатын чыгарып алат. Ал Стамбул, Казанда басылып чыккан «Карбала», «Зилзала», «Заркум», «Шаймаран», «Кыз Жибек» сыяктуу түрк тилдүү элдердин адабий китептерин колуна тийгенинче кызыга окуйт. Кийинче ал кашкарлык, артыштык молдолордон диний илимди тереңдеп үйрөнө баштайт.
Жусуптун агасы Балбай өз кезинин көзү ачык илимдүү адамы болгондуктан жана өз өмүрүндө «Манас» баштаган кыргыз эпосторун көп үйрөнүп, көп жыйнагандыктан иниси Жусуптун такыя молдо болуп чыгышын эмес, өз иштерине мураскердик эткен манасчы болуп чыгышын каалаган экен. Ошого ал Жусупту молдодон чыгарып алып, өзү тарбиялайт. Балбай он беш жылга жакын мээнет кылып жыйнаган «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүн ырааттуу түрдө Жусупка үйрөтө баштайт.
Жусуптун эпосту үйрөнүү барышы тартип боюнча болот. Эпостогу ар бир окуя, ар бир кейипкер, ар бир бөлүм өзүнө таандык деңгээлинде баяндалмайынча Балбай Жусупту дем алдырган эмес. Ал Жусупту бир жактан эпостун кол жазмасын кайталап окутуп жатка алдырса, бир жактан таалим берип, «Манас» айтуу өнөрлөрүн, ыкмаларын үйрөтөт. Мындай үйрөтүү он жылга созулат. Ошону менен Жусуптун «Манасты» жатка айтуу, эсте сактоо курбаты азыркы заман адамдары ишене турган даражага жетип, эпостун сегиз бөлүмүн тең айткан бирден бир манасчы болуп жетилет.
Кийин кыргыз эл оозеки адабиятын көптөн бери жыйнап, сактап жүргөн Балбай «Манас» эпосунун сегиз бөлүмү жазылган кол жазма менен бир далай кенже эпостор, санжыра, уламыштар жазылган материалдарды Жусупка берет. Баалуу мураска киришкен Жусуп аны аздектеп сактап эле калбай уландуу үйрөнөт, арбытат. Ошол барышта ал атасынын «Манас» деген бир өткөн олуя, жашың кырк бештен ашмайынча айтпа. Жаш киши жакшы-жаман ишке катышат»2 деген насаатынан улам эл алдында «Манас» айтпаган. Ошентип, Жусуп сактоонун узун жылдарын башынан кечирген. Ичинде эпостун саптары кайнап, буулугуп кетсе адам жок ээн жерге барып, буркан-шаркан түшүп «Манас» айтып, көксөөсүн басат.
1938-жылы Үсөнакун деген шаңыя Жусуптан кол жазмаларды тартып алат да, ал материалдар ошол бойдон жоголот. Эпосту жатка алуунун мааниси эми чындап билинет. Жусуп ошондон кийин мал багып, баштооч мектепте эл окутуучусу болуп, кийин тегирмен багып, ун тартып, дыйкан болуп эгин эгип дегендей жөнөкөй оокаттар менен машкылданып, калың эл менен камыр-жумур болуп жүрө берет.
1961-жылы Шинжаң адабият, көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин адамдары кыргыз райондоруна барып «Манасты» текшерүү барышында Жусуп Мамайга жолугат. Жусуп Мамайдын сегиз урпак бөлүнгөн бул эпосту биле тургандыгын бир демдин ичинде дүйнөгө дүң болуп, мамлекет ичиндеги адабиятчыларды аябай кызыктырат. Ал айткан «Манас» эпосу кагазга түшүрүлө баштайт. Өз кезинде Жусуп Мамай эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит» деген беш бөлүмүн айтат. 1964-жылы алтынчы бөлүм «Асылбача-Бекбачаны» толуктап айтуу менен бирге «Курманбек», «Толтой», «МамакеШопок» сыяктуу башка жети дастанды кагазга жаздырат. Бул табылгалар жунго кыргыз маданият тарыхындагы орошон жаңылыктардын бири болуп калат.
Баламаттуу «маданият көңтөрүшү «Манас» кызматын бүлгүндөп, кызуу иштелип жаткан кызматтардын токтошуна себеп болот. «Манас» айткандыгы үчүн Жусуп Мамай он эки жыл куугунтук турмуш кечирет. Арада төрт жыл аягынан кабынып бутунан басалбай калат. Ушундай муңдуу күндөрдө да ал азапка алдырып, арасат болуп, эпосту эсинен чыгарып ийген жок. Кайра өзүн бекем кармап, кайышып, эсин жыйып, көкүрөктөгү көөхарын унутпай сактап калат.
1979-жылдан баштап «Манас» кызматы мамлекетибизде кайра колго алынды. Ошол жылы байланыштуу орундар Жусуп Мамайды Бейжинге чакырып апарды.
Мурун жазып алынган материалдар талоорунга түшүп бир кыйласы жоголгондуктан Ж. Мамай эпостун биринчи бөлүмүнөн баштап кайра айтты. Ал мурунку айткан алты бөлүмдү кайра айтуу менен бирге жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөр болгон «Сомбилек» менен «Чигитейди» толуктап айтты.
Эгер Ж. Мамай 30-жылдары эпостун сегиз бөлүмүн түгөлдөй жатка албаган болсо, кийинки кезде «Манаc» эпосунун телегейи тегиз болуп эки ирет кагазга түшүрүлүшү мүмкүн эмес эле.
Ж. Мамай андан башка «Курманбек», «Толтой», «Багыш» (булар басмадан чыгып болду), «Жаңыл Мырза», «Мамаке-Шопок», «Көбөн баатыр», «Тутан», «Кыз Сайкал» сыяктуу он канча элдик дастанды айтып берди. Ал айткан «Тилекматтын баяны»3 деген санжыра Кыргызстанда жарыяланды.
Ушул тапта ал айткан «Манас» эпосунун үч бөлүм он китеби кыргызча, биринчи бөлүм, биринчи китеби ханзуча басылып таратылды. «Манас» эпосунун кыргыз тилиндегиси 18 китеп болуп басылмакчы. Ага жогоруда саналган он канча элдик дастанды кошкондо 30 парча китеп Ж. Мамайдын жатка айтуусу менен жарык көрмөкчү. Ошондо Ж. Мамайды дүйнөдө эң көп жатка айтуучу катарында «дүйнөлүк Гиннес рекорду сөздүгүнө» киргизсе абдан акылдуу иш болгон болор эле деген пикир туура айтылган.
Азыр мамлекет ичи жана сыртында жүргүзүлүп жаткан «Манас» эпосунун сегиз бөлүмү жөнүндөгү изилдөө Ж. Мамай айткан вариантка негизделүүдө. Япония, Түркия, Германия, Америка сыяктуу мамлекеттерде Ж. Мамай жөнүндө аталуу макалалар жарыяланды жана ал айткан варианттан үзүндүлөр которулду. Германиялык илимпоз Карл Решл 1987-жылы Америкада ачылган улуттар салыштырма адабият талкуу жыйынында «Ж. Мамайдын эпос айтуу чеберчилиги» деген макаласын окуган. Бул макала дабдаба козгоп, изилдөөчүлөр Ж. Мамайды «тирүү Гомер» деп баалашкан4. Элибизде болсо 80-жылдардын башында эле борбордогу жетекчилер Ж. Мамайды «дөөлөттүн көөхары» деп атаган.
Ж. Мамай азыр мамлекеттик адабият-көркөм өнөрчүлөр жана эл оозеки адабиятчылар коомунун туруктуу мүчөсү, Шинжан, адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орунбасар төрагасы, башкы адис изилдөөчү. Шинжаң автоном райондук саясий кеңештин туруктуу мүчөсү. Ал 79 жашка кирип калганына карабай коомдук иштерге активдүү катышып келүүдө. Ж. Мамайдын дүйнөлүк фольклор тарыхында азыр канчалык орошон орунду ээлеп турганын так айтуу кыйын. Байыркы эпосту шабыратып жатка айткан манасчынын ушул күндө биз менен бирге жашап турганы эле мифологиялык көрүнүш.
Азыр ушул тапта мисирдин сыйкырлуу пирамидасындай көз алдыбызда 18 томго айланып жаткан «Манас» эпосунун саптарын толук чечмелеп берүүгө аябай алсыздык кылабыз. Кылым карыткан бул улуу мурастын кыргыз эли менен бирге жашап, өнүгүп өсүп келатканы белгилүү, ошого биз башкасын коюп, манасчы катары Ж. Мамай бул эпоско канчалык эмгек сиңирген деген суроого жооп издейбиз.
Конкреттүү айтканда Ж. Мамай айткан «Манас» эпосу XIX кылымдын соңу XX кылымдын башында өткөн эң көрүнүктүү манасчылардан мурас калган. Балбай кыргыз эл ооз адабиятынын күйөрманы катары кыргыздын кыйырында атагы чыккан өнөрпоз адамдардан маанилүү материалдарды жыйнап, аны максаттуу түрдө Жусупка үйрөткөн. Ошентип, сегиз урпакка бөлүнгөн бул эпостун келүү булагы бир кыйла мол болгон.
Айтууларга караганда эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» үч бөлүгү Жусубакун Апайдын айтышы боюнча, «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитейден» турган кийинки беш бөлүгү Ыбрайымдын айтышы боюнча бир-бирине уланганы маалым. Бирок өз кезинин дооран сүргөн манасчылары Тыныбек, Сагымбай, Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балык, Найманбай ата-бала, Мамыркан молдо сыяктуулардын айтуусундагы эпостун бөлүктөрү да окшобогон ченемде Ж. Мамай вариантына жуурулган. Болуп да Сагымбай Орозбак менен Тыныбек Жапыйдын таасири бир кыйла чоң болгон. Тыныбек XIX кылымда өткөн манасчы катары Сагымбай, Жусубакун, Эшмат баштаган шакирттерди тарбиялаган болсо анын шакирттери төтөлөй жана төтөсүз түрдө Ж. Мамайга устаз болгон. Ошентип, үч урпак манасчы ортосунда мезгил, мейкиндик чектемесинен алкыган түз сызыктуу байланыш түзүлгөн. Өз кезинде Балбай Тыныбектин «Семетей» китебинде бар болгон бөлүктөр менен Жусубакун айткан «Семетейдин» бөлүктөрүн бири-бирине кириштирип чыккан5. Дагы бири Сагымбай 1916-жылы Кыргызстан тараптан Жуңго тарапка ооп келгенде Акчийде «Манас» айтуу мааракесинде катышкан. Бу менен анын варианты Жуңго кыргыз манасчылары жана «Манас» күйөрмандарына ашкере болуп өз ара үлгү, тарбия алуу шартталган. Демек, Кыргызстан жана Жуңго тарапта жашаган эң чебер манасчылардын мурасы төтөлөй жана төтөсүз түрдө Акчий деген капчыгайлуу жергеде жыйылып, бир-бирин толуктап, арбып, деңиздей толкуп чыгышы тарыхтын тамашасы.
«Манас» эпосунун айрым бөлүктөрүн өз алдынча айткан өнөрпоздор жумурай кыргыз журтун аралап жүрүшкөнү менен тарыхтан бери мындай ченемде бирибири менен баш кошуп бакпаган эле. Бул пурсатты чың кармаган Балбай оозеки түрдө уланып келген түрдө варианттарды кагазга түшүрүп бир-бирине байлап, жууруп чыкты. Ал материалдарды Ж. Мамай жатка алуу, кайра айтуу барышында көкүрөгүндө данекердей сактап эле калбай байытып, тек гана Ж. Мамайга таандык, дүйнөдө өзгөчө болгон «Манас» эпосунун телегейи тегиз вариантын калыптандырды жана бизге жеткирди.
«Манас» эпосунун сыйкырлуу касиети анын оозеки айтылуусунда. Бул эпос канча айткан сайын, ооздон-оозго өткөн сайын жашарып барат. Уландуу жатка айтуу, бөлүп-бөлүп айтуу, күндөп-түндөп сыдыра айтуу, жер-жерди кыдырып айтуу «Манас» эпосуна өлбөстүн өмүрүн берип, өчпөстүн отун жактырган. «Өлбөгөн сайын өөрчүгөн Манас» дегендей айткан сайын арбыган эпос ушул эле.
Бул эпосту бир мезгил оозеки түрдө айтпай, элди тыңшатпай койсо өңү өчүп кетмеги мүмкүн. Ошого «Манас» эпосу мыдырап турушу зарыл эле. Эпос кыймылда турат экен. Манасчы дагы токтоосуз түрдө эпоско кан-терин, акыл-оюн, талантын, сезимин, билимин сиңирип турат. Ж. Мамай мунун сыртында эмес. Жарым миллион сапка жакын бул океандай эпосту карандай жаттап алуунун өзү да мүмкүн эмес болчу. Эл оозеки эпосторунда ички гармония, закондуулук бар эле. Мындайча айтканда эпостун «математикалык формуласы» бар. Бул формула эпостогу рух аркылуу түзүлгөн, элдин көркөм ойлоосунан, улуттук утопиясынан жаралган. Эпостук арман, күйүт жана баатырлардын чуулгандуу төрөлүшүнөн трагедиялуу өлүп кетишинче болгон аралыкта кайта-кайта жаңырып турган ар кандай өнөрпоз эпостордун ушул өзгөчөлүгүн үйрөнүп эмес, кан-жанына сиңирип, өздөштүрүп алышы шартталат. Ошонун сыңары Ж. Мамай бала кезинен баштап эпостук дүйнөгө кирип барган. Ал өзүнүн өспүрүмдүк курагынын алтын кезегин (сегиз жаштан он алты жашкача) эпостук дүйнөдө өткөрөт. Ошого эпостун ички кунары өспүрүм Жусуптун тамырларына кан болуп куюлуп, акыл, эс сактамдарына ташка тамга баскандай орногон. Жаш кезинде Жусуп эпос айтууда чебердикке байланыштуу ыкмаларды, өнөрлөрдү максаттуу түрдө үйрөнүп, жатка алуу жана жатка айтуунун кылымга тете оор барышын баштан кечирген. Изилдөөлөрдө айтылгандай Ж. Мамай сегиз жашынан тартып (1920-жылдан баштап) «Манас» айтууну үйрөнгөн болсо, 1937-жылы агасы Балбай түрмөгө түшүп, 1938-жылы эпостун материалдары Үсөнакун Жарылма деген шаңыя тарабынан алып кетилген он бир жыл аралыкта ал өз үйрөнүшүн токтоткон жок. 1938-жылдан 1962-жылгача болгон азаттыктын алды-артындагы 24 жылда Ж. Мамай дагы эле түшүндө олуяларды көрүп, өңүндө жана айылдаштарынын арасында «Манас» баштаган бир далай кыргыз эпосторун «мыдыратып» турган. Ал 1962-жылы сегиз ай мөлчөрүндө эпостун алдыңкы беш бөлүмүн кагазга түшүрткөн.
1964-жылдан 1966-жылгача болгон аралыкта эпостун алтынчы бөлүмү «Асылбача-Бекбачадан» 40 миң сап айткан. 1966-жылдан 1978-жылгача куугунтук турмуш кечирген. 1979-жылдан баштап «Манас» эпосун урпактар боюнча экинчи ирет кагазга баштан түшүртүү менен бирге «Сомбилек», «Чигитей» эки бөлүмдү жаңыдан айткан. Демек, Ж. Мамайдын 1926-жылы башталган эпостор менен болгон байланышы азыргыча үзүлбөй жарым кылымдан артык мезгилдин катыраң сынактарын баштан кечирип келүүдө. Эгер Ж. Мамай «Манас» баштаган көптөгөн эпосторду курулай жаттап алып, ага жан-дилин багыштабаган болсо, 1939-жылдан 1962-жылгача болгон кезерткен мезгилдерде же «маданият көңтөрүштүн» түндүгү түшкөн катаал учурда ал өзүнүн жаттагандарынан негизинен айрылып калмак. Кызык жери андай болгон жок. Мезгил канчалык созулбасын, тарых канчалык аласалып кубулбасын Ж. Мамай залкар манасчылык сынын кемитпей, ал түгүл кемелине жеткирип жүрдү. Бул айткандай оңой жумуш эмес.
Ж. Мамайдын пикиринче болгондо ал Балбайдан мурас калган материалдарды толук ийгерип алгандан сырт айрым кара сөз түрүндөгү баяндарын, түшүндүрмө сыягындагы кыстырмаларын ырга айландырган. Бул анын кыргыз эпосуна жасаган көрүнөө аракети. Анан Ж. Мамайдын бала кезинен калыптанган манасчылык өнөрүнүн көркөм талантынын, чечендигинин эпоско тийгизген таасири өзүнчө узун жомок.
Ж. Мамай эсте сактоо курбаты даражадан тышкары жетилген инсан болуп эле калбай элдик адабияттын чыныгы устаты эле. Ал кыргыз эпосторун жаттап алып, бизге жеткиргенден тышкары ал мурастарга өзүнүн өнөрпоздук, чечендик тамгасын таамай басып калтырды. Ж. Мамай айткан эпостордун мазмундук, көркөмдүк эрекчеликтери, анын тили, ыкмасы, курулмасы башка варианттар менен болгон окшоштугу айырмасы, артыкчылыгы жана кемчилиги сыяктуу кеңири түйүндөрдү эми эле чечмелеп берүү мүмкүн эмес болсо да алгачкы байкоолор ортого коюлуп жатат.
«Манас» эпосун айтууда эч ким Ж. Мамай жеткен көлөмгө жеткени жок. Эпостун сегиз урпагын тең айтуу манасчылык тарыхындагы чоң окуя. Көлөмдүн укмуштуудай кенендиги, уланган урпактын көптүгү табигый түрдө Ж.Мамай вариантын көп жактуу артыкчылыктарга бай кылды. Эң жөнөкөй айырмасын айтсак бул вариантта окуялар көп, окуяга катышкан кейипкерлер көп. Тарыхка, адабиятка, географияга, салт-санаа жөрөлгө, медицина, астрономия, аскерий иштерге байланыштуу материалдар андан көп. Эгерде башка залкар манасчылардын вариантын жеке томдуу же беш томдуу кыргыз көркөм энциклопедиясы деп атоого туура келсе Ж. Мамайдыкы он сегиз томдуу энциклопедия болгон болот.
«Манас» эпосун жиликтеп изилдеген элибиздин атактуу изилдөөчүсү Лаң йиң өзүнүн арналуу эмгегинде Ж.Мамай айткан «Манастын» көлөм жактагы кенендигин санактап гана калбай анын эпос айтуу ыкмасындагы өзгөчө жактарын мындай тыянактаган: «Көркөм туюнтуу ыкмасы жактан Ж. Мамайдын варианты Эшматтыкына караганда мол жана түркүн түстүү. Ж. Мамай вариантында түз баян, чегинме баян, тышкы көрүнүш жана ички көңүлкүй сүрөттөмөсү, кайталоо жана салыштыруу, баяндоо жана лирика жуурулган ыкмалар ийкемдүү колдонулуп, эпостун күчүн ашырган»6.
Эгер биз Ж. Мамай айткан «Манас» эпосунун ар кандай бир бөлүгүн каалаган түрдө караштырсак кейипкерлердин жүрүш-турушу» кылык-жоругу, бир-бирине жасаган мамилелери ошончо ырааттуу түрдө майдалап бедерделгенин көрөбүз. Мисалы: элибиздин манасчылары эң көп айткан Семетейдин Айчүрөктү издеп Үргөнчтүн боюна келгендеги бир эпизодду көрүп багалы. Ж. Мамай Гүлчоронун Үргөнчтүн боюна келип, дайранын агымына таң калган көрүнүшүн 150 сап ыр менен сүрөттөгөн. Артынан эле Семетейдин көз алдына тартылган окшош көрүнүштү алдыңкысына окшобой турган 32 сап ыр менен кайтадан күчөтүп бейнелеген. Ж.Мамайга таандык мындай чечендик, сөзмөрдүк ал айткан ар бир эпосто ар дайым билинип турат.
Эгер Ж. Мамай менен Тыныбек, Сагымбай, Саякбай, Эшмат сыяктуу жүздөгөн манасчылардын манасчылык өнөрүн салыштырып иликтей турган болсок таң каларлуу жаңы байкоолордун ортого чыгышында шек жок. Ошол салыштыруулардан Ж. Мамайдын кандай манасчы экендиги эпосто канчалык эмгек менен сиңиргендиги, анын вариантынын адабий, эстетикалык кымбаты кандайлыгы жөнүндөгү түйүндөргө жооп тапкан болоор элек.
Дагы бир чоң өзгөчөлүк Ж. Мамай чынар теректей бүрлөгөн «Манас» эпосун толук айтуу менен бирге эпоско тамырлаш болгон, мындайча айтканда, «Манас» эпосунан бутактап, шактап чыккан тамырлаш эпостордон «Эр Төштүк», «Толтой», «Багыш», «Кыз Сайкалдарды» да айткан. «Манас» эпосунда жандама кейипкер катары тилге алынган бул баатырлардын өз алдынча турганда айрым дастан болуп айтылышы дастанчылык тарыхындагы дагы бир эрекче көрүнүш. Ошондой эле Ж. Мамайдын кыргыз эпосторун биздин доорго жеткирген сейрек талантынын анык далили.
А Д А Б И Я Т Т А Р:
- А. Абдрасул «Улуу сөздүн устаты» (макала), «Кызылсуу гезити», 1990-жыл, 9-ноябрь.
- Ж. Мамай «Мен Манасты» кандайча айтып калдым? (макала) «Манас» эпосу боюнча макалалар жыйнагы», 42-бет, Шинжаң эл басмасы, 1991-жыл, Үрүмчү.
- «Алатоо» журналы, 1991-жыл, № 9, 10, Бишкек.
- Лаң йиң «Манаска» жоромол» 114-бет, Йек Муңгул университет» басмасы, 1991-жыл.
- Лаң йиң «Манаска» жоромол», 38-бет, Йек Мунгул университет басмасы, 1991-жыл.
- Ж. Мамай «Семетей» 154–164-беттер (Йек материалы).
ОСМОН НАМАЗ
Осмон Намаз (1896—1967) азыркы Артыш шаарына караштуу Каржол айылы, Шарпаң кыштоосунда жашап өткөн семетейчи.
Анын айтуусунда «Семетей» эпосунан 6545 сап кагазга түшүрүлгөн. Жазгандар Алтын, Токтосундар болгон. Бул материалдар өз кезинде төрт парча китеп болуп түптөлүп, алдыңкы беттерине эпостун ар бир бөлүмүнүн кыскача мазмуну жазылып коюлган. Кошумча эпосту айткан адамдын дайыны, жашы эскертилген. Бирок конкреттүү өмүр баяны жазылбаган. Бул материалдардын жыйналган убакты катары 1961-жыл 31-март деп жазып коюшкан. Балким бул убакыт материалдын жазыла баштаган убакты эмес, толук жазылып бүткөн убакты болуу керек. Ушуга караганда Осмон Намаздын айтуусундагы «Семетей» 1961жылы 31-марттан мурун кагазга чийилип болгон. Бул материалдарды 1966-жылы Пазыл Үсөйүн ажы, Жусуп Мамайлар айрым-айрым көрүп чыгып, ханзучага которуу керекпи-жокпу деген маселе боюнча өз пикирлерин жазып коюшкан. Бул пикирлер кандайдыр эң акыркы илимий тыянак болбосо да, тек гана өз кезинде ханзучага которуу же которбоо жөнүндөгү суроого карата берилген жөнөкөй сунуш болсо да ошол кезде эпостун түрдүү варианттарына терең каныккан бул эл оозеки адабият жыйноочулардын караштары бизди белгилүү маалыматтар менен камсыздандырат.
Осмон Намаздын кеңири таржымалы бизге азырынча ачык эмес. Ал эпостун бул бөлүгүн кимден, качан, кандай үйрөнгөндүгү жөнүндө чечкин бир нерсе дей албайбыз.
Бирок 1961-жылы кагазга түшүрүлгөн түп нусканы барактап отуруп Осмон Намаздын чоң жомокчу болгонун байкайбыз. Осмон Намаз айткан «Семетейдин» төрт китепчесиндеги негизги окуялар төмөндөгүдөй.
Биринчи китепчеде Чынкожо, Толтойлордун Айчүр өктүн атасы Акункандын шаарына кол салышы, Айчүрөктүн Акшумкарды алып качышы, Семетейдин кушун издеп Үргөнчтүн боюна келиши баяндалат. 1960-жылдары «Манас» эпосун жыйноо, иреттөө кызматында негизги роль ойногон «Манас» жыйноочу илимпоз Пазыл 1966-жыл 9-айдын 12-күнү биринчи китепчеге карата «жомоктун окуясы Жусуптуку (Ж. Мамайды айтат) менен окшош. Айрым сөздөрүндө гана өзгөчөлүк бар экен. Аларга кагаз жабыштырып койдум. Менимче которбосо да болот»1 деген пикирди жазган. Үсөйүн ажы дагы ошол пикирди айткан. Бирок Пазыл эки миң саптан турган биринчи китепченин жыйырмадан ашуун жерине кагаз чаптаган.
Кээ жерлерине «эрекче» деп эскерткен.
Экинчи китепчеде Семетейдин жоолорун жеңип, Таласка кайтышы баяндалат. Бул бөлүктү Үсөйүн ажы көрүп чыгып, которуу кажетсиз деп пикир жазган.
Үчүнчү китепчеде баяндалган окуя бир кыйла өзгөчө болгон. Семетей атасы Манастын кан-карызын кууп алыскы Бейжинге аттанат. Сапарда ал Коңурбайдын түрдүү тилсымактарына учурайт. Семетей менен Коңурбай ортосунда чоң салгылашуу болот. Коңурбай жеңилерде жаздым берип, сепилине кире качат. Семетей үйүнө кайтат.
Үсөйүн ажы «бул бөлүктүн окуясы өзгөчө жана Жусуптукунда жок. Ошого которуу керек. «Семетейди» иреттегенде муну жезмен киргизиш керек»2 деп пикир жазган. Пазыл дагы жогорку пикирге толук кошула тургандыгын билдирген. Айткандай эле Осмон Намаздын «Семетей» вариантында Семетей менен Коңурбайдын беттешиши Ж. Мамай жана Эшмат варианттарынан башкача берилген. Бул айырма 60-жылдардын өзүндө эле изилд өө чүлөрдү кызыктырган.
Төртүнчү китепчеде Канчоронун саткындыгы негизги өзөк кылып баяндалат. Бул бөлүк Ж. Мамайдын вариантындагы окуялардан бир кыйла айырмаланат. Болуп да Канчоронун Кыязга сатылышы, Семетейди алдашы жана Гүлчоронун колго түшүшү жалпы атоо жактан окшошуп турганы менен окуянын жүрүш, себеп натыйжасы окшобойт. Мындай айырмалар чоң жана кичи болгонуна карабай «Манас» эпосунун түрдүү варианттарын салыштырып изилдөөгө чоң өбөлгө түзмөк.
Осмон Намаз эпостун бул бөлүгүн алтымыш беш жашында айтып берген. Картайып калгандыгына байланыштуу өтө эргип, ээлигип айта албай эпостун көркөмдүгү кээ жерлеринен кемтилип калган. Болуп да айыл-кыштоодо кара эмгек менен тиричилик жасап жүргөн карапайым өнөрпоз күндөлүк турмуш айынан будамайланып, көр оокатка байланып, көңүлү кирди-чыкты болуп турганда шашпай айтуунун мүмкүндүгү болбой, дагы бир жактан башкалардын жазып алышы үчүн бирме-бир эжелеп айтып берүү зарыл болуп, эпосту айтуунун ылдамдыгы менен жазуунун асталыгы ортосунда кайчылык көрүлүп, өнөрпоздун жатка айтуудагы шыдырлыгы, тактыгы нуксанга учураган. Эпосту жазып алууга өтө көп убакыт кеткендиктен манасчы кээ бир окуяларды майдалап айтууга чабыты чаппай окуя аттап жондотуп, кызыктуу жерлерин терип айтып берген болушу да мүмкүн. Мунун белгилери кол жазмада билинип турат. Эпосту жазып алуунун жакшы жагдайы түзүлбөгөн, үн алгы жок карбалас мезгилде Осмон Намаз өзүнүн эпосчулук өнөрүн дегендей толук айгинелеп бере албаганы табигый көрүнүш эле.
Ошентсе да 1961-жылы анын айтуусунда эпостун «Семетей» бөлүгүнөн ушунчалык материалдын жазып калынганы, ал материалдардын азыргыча түп нускасы боюнча толук сакталганы «Манас» айтуу илимий казынасына кошулган асыл байлык болуп эсептелет.
А Д А Б И Я Т Т А Р:
- Намаз «Семетей» № 65 материал, 1961-жылкы кол жазма нускасы.
- Жогорку материал.
КАБЫЛАКУН
Кабылакун Мааданбек 1898-жылы азыркы Акчий ооданына караштуу Карачий айылы, Акчий кыштоосунда дүйнөгө келген. Өспүрүм кезинде молдолукта окуган. Жыйырма жаш курагынан баштап атактуу манасчы Жусубакундан «Манас» үйрөнө жүргөн. Сапарбайлык манасчы Асей дегенден да угуп, үйрөнүп, кийинче манасчы атыгып, эл жыйылган соорундарда өз өнөрүн көрсөтө жүргөн. 1964-жылы оодандык соода кооперативинин кадры Мати деген адам Кабылакундун оозунан «Манастан» 5963 сап жазып алган. Манасчы бул кезде алтымыш алты жашта экен.
Кабылакун «Манас» эпосундагы негизги кейипкерлердин бири болгон Алмамбеттин Манаска келип кошулушун өзүнчө айткан. Окуясы мындай: «Алмамбеттин көңүлүнө шек түшүп, түшүнө аян берип, өз дининен кечип мусулман болуу үчүн ал Мекени көздөй аттанат. Энеси жакшы тилектер менен узатып коёт. Алмамбет ошол жүргөнчө жер кыдырып отуруп, казак жерине келип калат да Көкчө менен жолугушуп, ал жерде алты жыл туруп, тоо кылып, такыба мусулман болот. Алты жылдан кийин энесине берген убадасы боюнча кайта Бейжинге кирет. Коңурбайлар максаттуу түрдө аны сый менен күтүп алат. Бир күнү Алмамбет кайсы динге ишенүү туурасында атасы Азиз кан менен талашып, араздашып алып, ачуусунда атасынын башын кыя чабат да, энесин алып жөнөйт. Бейжиндин четинде сан миң кошуун Алмамбеттин алдын тороп чыгат. Арада кырк күн салгылашуу болот. Алмамбет колго түшүп, энеси мерт болот. Темир коргондо жети күн бир тамчы суу татпай байланган Алмамбет кудайга жалбарып жүрүп тордон кутулат да, Бейжинге жашырын кирип алтымыш миң калдайды кырып, энесин жолдо көмүп, Көкчөгө кайтып келет. Көкчө менен Алмамбет кудайлашкан дос болот, Алмамбеттин энеси үчүн дүңгүрөткөн аш берип, коюн-колтук алышып жүргөндө ичи тар Абдысейит арага суук сөз таратып, Көкчө ылжып мас болгондо эки достун ортосуна от жагат. Алмамбет Көкчөдөн кайырдап, сапарга жөнөп баратып Каныкейге учурап калат. Каныкейдин жол көрсөтүүсү менен Алмамбет Манасты табат».
Көрүнүп тургандай Кабылакун манасчы «Манас» эпосундагы өзгөчө бөлүмдөрдүн бири болгон Алмамбет баянын арналуу айткан. Көптөгөн варианттарда Алмамбеттин Бейжинден жөнөп чыгышы кыстырма баян катары берилет да, Көкчө менен жолугушкан жеринен баштап айрым бөлүм иретинде ырдалат. Болуп да Алмамбеттин биринчи ирет Бейжинден чыгып, Көкчөгө келиши алты жылдан кийин энесин издеп Бейжинге кайрылышы, атасы Азиз канды чаап өлтүрүшү, Коңурбайдын колу менен кармашканы, колго түшүшү, энесинин өлүшү, энеси үчүн өч алып Бейжинди канга боёшу катарлуу окуялар башка варианттарда жонунан берилген болсо же тилге алынбаган болсо Кабылакун вариантында окуянын жүрүшү өзгөчөлөнүп, ийне-жибине чейин сүрөттөлөт. Ал түгүл Алмамбеттин чайчы болуп жасанып, түндө Коңурбайдын ордосуна киргени Коңурбайдын жүрөгү туюп коопсунуп алдын алып камынганы сыяктуу майда кыймыл-аракеттер дагы ошончо анык берилет. Андан башка Көкчөнүн мас болушу менен эки достун араздашып калышы орчундуу баяндалат.
Көкчөнүн Алмамбеттин энеси үчүн атагы далайга кеткен чоң аш бериши менен Алмамбеттин Көкчөдөн кетип Каныкейге жолукканы сыяктуу окуялар дагы Кабылакун вариантындагы чоң өзгөчөлүктөрдөн болуп саналат.
Каныкей менен Алмамбеттин маеги башкача өтөт. Каныкей Алмамбетке өзүнүн Манас менен баш кошуу барышын жана Манастын жалпы абалын бирме бир кеп салып берет. Мындайча айтканда, Манастын Каныкейди алышынан турган эпостун жөрөлгөлүү сюжети Кабылакун вариантында Каныкейдин оозу аркылуу баяндалат.
Кабылакун «Манас» эпосун аткарууда мурунку манасчылар калтырган баяндоо ыкмаларын бир кыйла ийкемдүү өздөштүргөн болуп, окуяларды сүрөттөөдө салтка айланган бирдейлик көп жолугат. Сапаттуу окшотуу, апыртуулар үчүн тандалган сын атооч сөздөр башка манасчылардыкы менен куйгандай окшош чыккан жерлери арбын. Ушундан манасчылар «Манас» аткаруунун орток мизандарын көркөм адабий жөрөлгө катары аздектеп бекем кармап келишкени байкалат. Мындай ички мизанды эч ким бузбаган. Ошого кыргыз эпостору нечен кылым өтсө да байыркы нугун, түсүн, рухун оңдурбай сактап калган. Эгер ар кайсы манасчы өздөрүнүн акындык жөндөмүнө таянып «Манас» эпосунун жалпы окуялыгын кууп өз алдынча ыр кураган болсо, анда мынчалык ченемдеги салтка айланган бирдейлик түзүлбөгөн болор эле. Ошонун сыңары жаңы доордогу манасчылар эпостун заманга шайкешкен жаратуучулары эмес, мурунку жөрөлгөнү сактаган, уландырган, бизге жеткирген мураскерлер болушкан. Мураскер катары Кабылакун Манастан калса, экинчи орунда турган чоң кейипкер Алмамбеттин кытайдан кыргызга келишиндеги орчундуу бөлүктү арналуу айтып калтырган. Бул бөлүктү шарттуу түрдө өз алдынча айырмалап «Алмамбет» дастаны деп атаса да болот. Эгерде өз кезинде жазып калууга толук шарт түзүлгөн болсо Кабылакун бул бөлүмдү соңуна чыгара, ансайын толук айтып бермек экен. Кабылакундун өмүр баяны жазылган 1964-жылкы материалда мындай делинген: «…азыр убакытты өтүшү менен жана карып, арып (Кабылакунду демекчи), илгеркиге караганда мээси бир аз бөксөргөн себептүү унутуп калышы иштери болгон…»[1].
1964-жылы «Манастын бул бөлүгүн жазган адам өзүнүн эскертүүсүн түздөн түз ошентип айтканына карабай, бизге алтымыш алты жашка кирген манасчынын көп нерсе биле тургандыгын билдирет. Картайган, карып болгон кезинде ушунчалык айткан болсо, «мээси толук кезинде» (жаш чагында) канчалык айтаар эле деген суроо туулат.
Кабылакун айткан бул варианттын көркөмдүгү бир кыйла бийик, сүрөттөөлөр жана уйкаштар кыналып келген. Мисалы: Алмамбеттин Бейжинге кирген жери сүрөттөлгөндө баян бирде Алмамбетке өтсө, бирде Коңурбайга өтүп, нак эле кинонун көрүнүштөрүндөй окуянын чыңалган жери улам-улам алмаштырылып отурат.
Кабылакун өз айлында молдолук иштеген ыймам болгондуктан өзү айткан эпоско ислам динин үгүттөгөн, көтөрмөлөгөн арналуу сүрөттөөлөрдү максаттуу кошкон. Алмамбеттин ислам динине киришин, тооп кылышын, атасы менен дин талашып салгылашышын, башына оор азап түшкөндө кудай пайгамбарга жалбарган жерлерин көптөн көп күчөнүп баяндаган. Көркөм мурастын жаны бар мураскору, сактоочусу катары Кабылакун өз идеясын, түшүнүгүн, дүйнө карашын белгилүү ченемде ашкерелеп ырдаган. Молдолук кесип ислам дининин акыйдеси эпостогу дин талашкан сюжетке кандай болбосун өз таасирин тийгизбей койбогон. Бул жерде Кабылакун сактануусу кыйын болгон жетишсиздикке жол берген.
Кабылакундун манасчылык өнөрү жана ал айткан варианттын өзгөчөлүктөрү, мааниси мындан нары терең изилдөөлөрдү күтүп турууда.
[1] Кабылакун «Манас» № 95-материал, 1964-жылкы кол жазма нускасы.
ОСМОН МАТИ
Осмон Мати атактуу манасчылардын бири. 1906-жылы азыркы Улуучат ооданына караштуу Кызылой айылы, Майдан кыштоосунда дүйнөгө келген. 1964-жылы анын айтуусунда «Семетейден» 9754 сап жазып алынган. Кимдин кагазга түшүргөнү жана Осмон Матинин өмүр баяны толук жазылбаган.
Бирок кол жазмага үңүлүп карасак манасчынын ашкан талант ээси экендигин байкайбыз. Ал айткан вариант мейли мазмун, мейли көркөмдүк жактан болсун өзгөчө айырмаланып турат. Окуялыгы мындай: Семетей туулат, Жакып ногой элинин тизгинин талашчу бул урпакка кастык жасоонун казанын асат. Ырчыуул жардам берип Каныкейди баласы менен Темиркандын шаарына качырып иет. Семетей таятасынын жеринде чоң болуп, жери Талас, атасы Манас экендигин билип сапарга аттанат. Жол тоскон Меңдалы капырды, анын жайсаңдарын жана он бөрүнү жайлап Бакайга жолугат. Бакай аны чоң атасы Жакыптын үйүнө баштап барат. Жакып Семетейге уу берип кастап, максатына жетпей калат. Семетей Жакыпка каарданып (өлтүрбөйт), атасынан калган жоо-жарагын жыйнап алып Темирдин шаарына кайра жанат да, Чачыкей менен баш кошуп, энеси Каныкейди көчүрүп Таласка тартат. Жакып ногой элинен жоокер жыйнап, жол тосуп көчүп келаткан Семетейди жайламак болот. Бирок дагы максатына жетпей Семетей тарабынан тындым болот. Семетей Таласта мурунку кырк чорону жыйып алып, оордун бекемдеп, жыргап жатканда кырк чоро биригип түндө Семетейден бет көрүп качат. Семетей алардын артынан жетип үч ирет алдын тосуп, чөгөлөп жалбарат. Чоролор унамак турсун ок атып, жаа тартып кете берет. Казабы кайнаган Семетей кырк чорону кырып салат. Бойкат аялдарынын курсагын жарат. Гүлмат менен Камбар деген эки чоронун аялдарынын курсагынан эки бала тирүү түшөт. Аларга Семетей Гүлчоро, Канчоро деп ат коюп, Каныкейге тапшырып берет. Каныкейдин бир эмчегинен сүт, бир эмчегинен кан чыгат. Анын көңүлүнө шек түшөт.
Семетейдин Айчүрөктү талашып Толтой жана Чынкожолор менен болгон салгылашуусу, Айчүрөктүн Аккуу болуп учушу, Канчоронун сатылышы сыяктуу сюжеттер башка варианттарга окшош ырдалган. Бул баатырлар ортосунда болуп өткөн салгылашуунун жолдору башкача баяндалган жерлери да арбын.
Дастан айтууда Осмон Матинин өз алдынча тутунган ыкмасы бар экен. Каныкей Семетейди төрөгөн кезде баланы Жакып өлтүрмөк болсо, Айчүрөк Сейтекти төрөгөндө аны Кыяс өлтүрмөк болот. Андан башка Семетей менен Бакай, Сейтек менен Гүлчоро алгач көрүшкөндө кучакташып ыйлап, саламдашканда «кылт» этип эрип кеткени аз калышат. Мындай кайыруулар башка манасчылардын варианттарында кездешпейт. Болуп да Семетей менен Буурул аттын муңдашканы, аялдардын жарылган курсагынан тирүү баланын түшүшү сыяктуу сюжеттер өзүнүн байыркы мифтик түсүндө сакталган. Осмон Матинин вариантында кадимден айтылып келе жаткан Гүлчоро жана Канчоронун ата-теги жөнүндөгү айтымга окшобогон баяндын айтылышы жаңылык болуп туюлат.
Муңгул элинин эпосу «Жаңгырда» бойкат аялдардын курсагын жарып, баатыр баланы өлтүрүү көп айтылат. Осмон Мати вариантында Семетей бойкат аялдардын курсагын жарып жиберет. Эки бала тирүү түшөт. Аны Семетей багып алат. Бу жерде байыркы дастандарга орток сакталган бооз аялдардын курсагын жаруу аракетинин белгилүү ченемде үндөшүп келиши көңүлдү тартат. Осмон Мати вариантында Манас өлгөндө Семетей курсакта калган болот. Каныкей Абыке-Көбөштүн кордугунан эмес, кайнатасы Жакып кандын Семетейди кастаган арамдыгынан далдаланып атасыныкына кетет. Ж. Мамай менен Эшматтын вариантынан айырмаланган мындай өзгөчөлүктөр Осмон Матиникинде кеңири учурайт.
Абалдан караганда Манастын урпактарына арналган ар бир бөлүм илгерки нугунда бир-бирине себеп-натыйжалуу түрдө байланбай баш кейипкерлердин ата-балалык жолу боюнча уланып, шарттуу түрдө айрым турган окшойт. Кийинки чечен манасчылар «Манас» айтууну үйрөнүү жана үйрөтүү барышында эпостогу урпактарды бир-бирине кандаштык боюнча байлап эле калбай, чыгарманын окуялык тартиби боюнча чыгармачылык жосунда бөлүмдөрдү айырылгыс, бири-биринин артынан чубалып чыкма кылып кириштирип жиберген. Ж. Мамай менен Эшмат эпостун көптөгөн варианттарын угуп, үйрөнгөн. Өз алдынча талдоо жүргүзгөн манасчылар катары эпостун сериясын түзүүдө аныктагыч мээнет сиңирген. Же ошондой маанидеги жөрөлгөнү бекем сактаган. Осмон Мати болсо эпостун «Семетей» бөлүгүн арналуу айткан семетейчи катары өзү айткан эпостун өз алдынча бүтүндүгүн сактап калган. Мына ушул эки көрүнүштү салыштырып изилдегенде «Манас» эпосунун өнүгүү тарыхый барышын, анын катмарларын аныктап чыгуунун мүмкүндүгү күчөйт. Эпос айтуудагы ортоктук менен айырманын канча көп болушу кыргыз эпосун изилдөөнү ошончо ыңгайлуу шартка ириштирет. Ошого Осмон Матинин вариантын маанилүү материалдар катары караган оң.
Осмон Матинин айтуучулук өнөрү бир кыйла бийик экен. Аталган варианттагы эпостук баяндар, сүрөттөөлөр көркөм берилип, уйкаштары так, сөздөрү шыдыр кеткен. Кээ бир окуялар башка варианттардан чечкин айырмаланып турганына карабай жонунан, бүдөмүк берилбей, ансайын ачык, ишенимдүү, сызыл баяндалган. Кол жазманын көп жерине изилдөөчүлөр тарабынан эскертүү кагаз чапталган. Ошого караганда алтымышынчы жылдардан бери Осмон Матинин варианты мезгилдин сынактарынан өтүп келген. Ошого Осмон Матинин манасчылык өнөрүн терең изилдөө күтүлөт.
ТӨРӨ ЖУМА
Манасчы Төрө Жума 1927-жылы азыркы Актоо ооданы Булуңкөл айылы, Суубашы кыштоосунда дүйнөгө келген. Баштооч мектепти бүтүргөн. Азаттыктан кийин айылда аштык пунктунун кадры болгон.
Ал манасчылык өнөрдү Калкожо, Сейит Акун дегендерден оозеки үйрөнгөн. «Манас», «Семетейди» айта алган. Анын айткан «Манасын» 1964-жылы Үсөнаалы жазып алган. Бардыгы 33 оригинал. Мунун ичинде 367 сап ырлуу баян бар. Калганы кара сөздө айтылат. Бул вариантты «Манас» эпосунун айрыкча варианты деп айтууга болот. Мындагы эрекчелик эпос окуясынын кара сөздө баяндалышы болуп калбай, башка варианттардан чечкин айырмаланган сюжеттердин көптүгүндө көрүлөт. Манастын төрөлүшү, чоңоюшу, өлүшү жана кайта тирилиши сыяктуу баяндар башкача берилет.
Бул варианттын окуясы мындай:
«Жарты капыч Жакып бай бала көрбөй же Багдасулуу деген аялынан кече албай арасат болуп жүрөт. Анын агасы Шыгай, бир тойдо Жакыпты ардантыш үчүн той башкарган жасоолго мындай дейт:
Гөш жасаган жасоол аке эй,
Балалууну баш кылып тарткын, Баласы жок Жакып бир байга,
Көзүн ойгон көр чоку тарткын.
Кулагын кескин куу чоку тарткын, Ичеги карын гөш кылып тарткын, Балаларга баш кылып тарткын1.
Ушул сөздөн Жакып арданып, аялын сабап айдап иймек болот. Күйөөсүнүн пейлин билген Багдасулуу кериле жасанып, келберсип эркелеп Жакыпты эритет. Экөө бала тилеп Акмазарга баратканда алдынан эки дубана чыгып, алма берет. Багдасулуу алманы жеп, беш ай өткөндө боюнда калат. Ай-күнү тошуп, толгоо тартып, төрөй албай кыйналганда курсактагы бала минтип сүйлөйт:
Чийди бир каттык дечү эле, эне ай,
Чийилүү бир жерге конуңар, эне ай,
Чийди бир тартып түшөйүн, эне ай,
Талды бир каттык дечү эле, эне ай, Талдуу бир жерге конуңар, эне ай,
Талды бир тартып түшөйүн, эне ай2.
Бала чийди, талды тартып өзү чыгат. Баладан коркуп эч ким ат коё албайт. Ошондо эки дубана пайда болуп балага Манас деп ат коёт. Беш-алты айда Манас бешигин оодара тээп ойноп кетет. Шыгайдын шаарын калмактар басып алыптыр деген сөздү угуп урушка аттанып, калмактын каны Дөөлөт канды сүрүп таштайт.
Бир иреттик урушта Манас жоосун аяп атпагандыктан өзү жарадар болуп, Акмазарга келгенде өлөт. Багдасулуу Манастын өлүгүнүн жанында боздоп ыйлап, аза күтүп турганда эмчеги ийип кетет да, эмчегин Манастын оозуна салат. Манас кайра тирилип калмактардан өчүн алып, Карлыгач деген сулууну олжо катын кылат. Накылай экинчи ирет Манас менен көрүшүп экөө баш ко шушат.
Эпосто кырк жигиттин Манаска кошулушу, Багдасулуунун Манаска аял издеши, Манас менен Накылайдын алгач көрүшкөнү, экөөнүн араздашып калганы, Накылайдын Манасты каргашы сыяктуу баяндар да бар. «Манас» эпосунун мындай жүрүштө айтылышы сейрек учурайт. Бул вариант эпостун байыркы башатын изилдөөдө өтө кымбаттуу материал болуп эсептелет. Окуялардын мифтик түсү аябай канык. Эпостун ички гармониясы, сюжети өзүнчө ыкмага ээ.
Эзелден бери Актоо кыргыздары арасында эл оозеки адабиятынын эң байыркы түрлөрү сакталып келген. Азыр дагы ошондой. Ошого «Манас» эпосунун эрекче маанидеги варианттарынын бул жерден жазып алынышы кокустук эмес.
Төрө Жума вариантынын кара сөз менен ырды бирикмесинен түзүлүшү, Манастын төрөлүп, өлүп, кайра тирилиши жана башка кейипкерлердин өз ара мамилеси, мүнөзү, ой ойлому, жүрүш-туруштарынын индивидуалдуу өзгөчөлүгү изилдөөчүлөр үчүн жаңы түйүн болгон.
Төрө Жуманын бул мурасын алгачкы кадамда бир ооз сөз менен жыйынтыктаганда мындай болот: мифтик, сыйкырлуу жомоктук жана эпостук өзгөчөлүк бир-бирине сиңишкен байыркы вариант.
А Д А Б И Я Т Т А Р:
- Төрө Жума «Манас» № 73-материал, 1964-жылкы кол жазма нускасы.
- Жогоруда көрсөтүлгөн материал.
САТЫБАЛДЫ АЖЫ
Сатыбалды Манастын атына байланган урпактардын жомогун эле эмес, анын алдындагы бабаларына байланышкан жомокту билгендиги үчүн чоң кызыгуу туудурат.
Ал 1943-жылы Түндүк Шинжаңдын Текес ооданы, Көктерек айылында дүйнөгө келген. Баштооч мектепте кичине окуп, кат таанып калган. Бирок жаза албайт. Сатыбалдынын таятасы Ашымбек «Манас» эпосуна бүйүрүн кызыткан өнөрпоз болуп, «Манас» жөнүндөгү материалдарды жыйнап сактаган. XX кылымдын башында Манастын ата-бабаларынын иш-издери жазылган кол жазмага иришкен. Муну аздектеп сактап, баласы Акылбекке мурас калтырган. Ашымбектин кызы (Сатыбалдынын энеси да) сабаттуу, окуп, чийүүнү билген, көзү ачык аял болгон. Энеси жана таятасы Акылбектин төтөлөй жетектеши менен Сатыбалды жаштайынан «Манас» эпосу менен тааныша баштап, жаттап алган. Алгачкы байкоолорго караганда ал Манастын ата-бабалары болгон Төгөй хан, Көбөй хан, Жамгырчы, Чаян хан, Чобун хан, Бөйөн хан сыяктуу баатырлардын жомогун улаштырып айта алган. Бул аталган ата-бабалар «Манас» эпосунун башка варианттарында тек гана аты аталып, тизмеленип кетсе, аларды Сатыбалды өзүнчө эпос катары бирме бир баяндайт экен.
1982-жылы октябрда Шинжаң эл оозеки адабиятчылар коому Сатыбалдыны Үрүмчүгө чакыртып келген. Алар Намаз Эсеке Көктеректе үн алгы тасмасына түшүргөн нуска менен Сатыбалды Үрүмчүгө келип айткан нусканы алгач ирет жазып алган. Бул бөлүм «Түгөй кан» деп аталып, 18732 саптан түзүлгөн. Кийинки кезде Жумабек Сатыбалды айткан «Жамгырчы» бөлүмүнөн 10400 сап жазып алган. 1986-жылы байланыштуу орундар Сатыбалдыны экинчи ирет Үрүмчүгө чакыртып келип, анын билген жомогун Долкун Турду үн алгыга алдырган. Үн алгы тасмасындагы «Чаян хан», «Чобун хан» бөлүгүнөн 17000 сапты Токтобүбү Ысак кызы, «Бөйөн хан» бөлүгүнүн 13780 сапты Долкун Турду кагазга түшүргөн. 1991-жылы Сатыбалды үчүнчү ирет Үрүмчүгө келип арналуу түрдө калган бөлүктөрдү түгөлдөй айтып тамамдаган. Буларды Асанбай Матили жазып алган.
Сатыбалды 80-жылдардан кийин журтчулукка белгилүү болгон манасчы катары элибиздеги манасчылардын арасында аталып жүрсө да, азыргыча андай жазып алынган материалдар алгачкы ирет илимий изилдөөдөн өтө элек. «Манас» айтуу тарыхында мурун Манастын атабабаларынын иш издери сүрөттөлгөн мындай көлөмдүү эпостор сериясынын барлыгы анык эмес болчу. Ошого бул материалдарды чыныгы түрдө иликтеп, изилдеп чыгуу аябай маанилүү жумуш. Биз азыргыча бир сыйра барактап чыгууга да үлгүрбөгөн бул мурастын адабий куну жөнүндө алдырап тыянак чыгаруудан алыспыз. Ошентсе да таш куралдардан кеңири пайдаланган кейипкерлер ортосундагы жоокердик жүрүштөр жана Энесай боюнда өткөн бир далай окуялар сүрөттөлгөн бул варианттын байыркылыгын шарттуу түрдө көрсөтүүгө болот.
Жакын арада бул казына ачылып, анын маани маңызы коомчулукка жарыя болмок. Ошондо гана Сатыбалдынын дастан айтуу өнөрү, чечендик табияты, эл адабиятында ээлеген орду жөнүндө кеңири, илимий сөз кылуу мүмкүндүгүн алабыз.
ШААБАЙ ЧОЛУ
Манасчы Шаабай Чолу 1919-жылы азыркы Кыргызстандын Алай районунда төрөлгөн. Жыйырма жашка чыккандан кийин туугандарынын талабы менен Жунго тарапка көчүп келип, Улуучат ооданы, Бостонтерек айылында туруп калган. Өмүр деген манасчыдан «Манас», «Семетей», «Сейтектин» айрым бөлүктөрүн үйрөнгөн. 1961-жылы Тебе (мунгул) Шаабайдын оозунан «Манастын төрөлүшү» деген бөлүмдөн 1702 сап жазып алган. Ал айткан «Манас», «Семетейден» дагы 600 сапты Алыбек деген адам кагазга түшүргөн.
«Манастын төрөлүшү» деген бул бөлүмгө негизделгенде Тескейтоо кыргыздары арасында «Манас» эпосунун байыркы варианттары кыйла кеңири сакталып келген экен деген бүтүмгө келүүгө болот.
Теңиртоону этектеген кыргыздардын арасынан чыккан манасчылар мурунтан каттоонун оңойлугу айынан бир-биринен үйрөнүп, бир-биринен толуктап «Манас» эпосунун пукта сериясын калыптандырган болсо, Памир Тоо этектеринде жашаган манасчылар сырт менен өтө көп барды-келди катташа албай шарттуу түрдө бөлүнүү жагдайында тургандыктан эпос баштаган адабий жанрлардын эң байыркы ыкмасын, сюжетин сактап калган. Конкреттүү алганда «Манас» эпосунун кеңири тарап, жалпылашкан варианттарынан кыйла эле айырмаланган өзгөчө мазмун, өзгөчө түстөгү мураска мураскердик кылышкан.
Шаабай айткан «Манастын төрөлүшү» деген бөлүм окуя жактан өзгөчө болуп эле калбай ыр түзүлүшү, баяндоо ыкмасы, тил курулушу жактан да өз алдынчалыкк а ээ.
Манастын энеси Каныкей деген бир кызды келиндикке тапканын мындай айтат:
Коборуп боюн мен көрдүм балам, Талды көр да боюн көр балам. Кылдырып ишин мен көрдүм балам, Ак жибек көр да ишин көр балам. Күлдүрүп тишин мен көрдүм балам, Ак бермет көр да тишин көр балам. Каратып көзүн мен көрдүм балам, Карагат көр да көзүн көр балам.
Карды бир көр да этин көр балам, Канды бир көр да бетин көр балам[1].
Шаабай айткан бул варианттын жалпы окуялыгы, Булуң-Көлдүк манасчы Төрө Жуманыкы менен үндөшүп кетет. Бирок кээ бир окуялардын жүрүшүндө, айрым бурууларында окшобостук бар.
Манастын Аккула менен сүйлөшүшү, бир кулагы жамынчы, бир кулагы төшөнчү болгон кулдарды багындырышы жана өлүп, тирилиши сыяктуу мифтик сюжеттер бул вариантта кеңири учурайт. Жогорку мисалдан көрүнүп тургандай сүрөттөө, баяндоо ыкмасында, ыр түзүлүшү, муун санында көптөгөн айырмачылыктар бар. Бул вариантта муун, уйкаштар бир калыпта келбей эркин алмашат. Ал түгүл бул варианттагы ыр саптарын чачма ырларды окуган кейипте окууга туура келет.
Эгер Шаабайдын бул вариантын терең изилдегенде «Манас» эпосунун байыркы жанрдык өзгөчөлүгүн, ыкмасын, түзүлүшүн белгилүү жактардан тактап алууга болот. Кыргыз эпосунун эң купуя сыры болгон эстетикалык, поэтикалык түсүнүн, өзгөчөлүгүнүн катмарларын ачууда, түшүнүүдө маанилүү роль аткарат.
[1] Шаабай Чолу «Манастын төрөлүшү» № 24-материал, 1961-жылкы кол жазма нускасы.
ОРОЗО КАДЫР
Орозо Кадыр 1934-жылы азыркы Артыш шаарына караштуу Тегирменти айылынын Айыктык жайлоосунда малчы үй-бүлөдө төрөлгөн. 1935-жылы атасы Кадыр Шиң шисей тарабынан айдалып кетип, дарексиз жоголгон. Орозо атадан жетим калып, жесир эненин колунда тарбия алып чоңойгон. Энеси Мурзаян укмуштуудай кыраакы, кара жаак чечен аял болуп, аны кичинесинен айылдагы комузчу, молдо, манасчы, жомокчуларга ээрчитип коюп, алардан таалим алдырган.
Орозо он эки жашында көчмө диний мектепте үч жыл сабатын чыгарган. Тогуз жашынан эле комуз черте баштаган. Зирек, шыктуу бала болгон.
Ал «Манас» эпосунун «Семетей» бөлүгүн кара жүлдөкү Сайит Жангарач аттуу кишиден ата салт жолун улап, астына ат миндирип, үстүнө тон жаап үйрөнүп алган. Он тогуз жаштан баштап эл аралап, «Семетей» жомогун айтып таанылган.
Орозо Тегирменти айланасында «Семетей» эпосун эң сонун айткандыгы үчүн азыргыча «Орозо жомокчу» деген атка конуп келүүдө. Ал кыштын узун түнүндө сары май жутуп коюп, элге «Семетей» эпосун ошончо таамай, ошончо шыдыр айтып берген. Анын «Семетей» айтууда өз алдынча обону, ыкмасы болгон.
1966-жылы 5-айда Сакен Өмүр жана Алтындар Орозонун айтуусунда «Семетейди» алгач ирет кагазга түшүргөн.
Бул вариант «Манастын ашы», «Семетейди ороого жашыруу», «Каныкей, Чыйырдынын Букарга барышы, «Сарытаздын Семетейге кабар айтышы» сыяктуу сегиз теманы өз ичине алган болуп 7668 саптан турат. 70-жылдардын башында эл оозеки адабиятына күйүнгөн жазуучу Муса Абдырай өз алдынча Орозонун вариантын экинчи ирет кагазга түшүрүп алган. 1987-жылы автоном райондук эл оозеки адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси атайын адам ажыратып Орозодон дагы бир ирет «Семетейди» жаздырган.
Ошентип, азыргыча алды-арты болуп үч ирет кагазга түшүрүлгөн бул вариант изилдөөчүлөр үчүн табылгыс материал болуп калды. Орозо бир өмүр арналуу бөлүктү айткан семетейчи катары аткаруучулук өнөрү жактан өзүнчө бир бийик деңгээлге жеткен. Ал айткан варианттын тили так, мазмуну мол, образдуулугу күчтүү болгон.
МУСА ЯКУП
Муса Якуп (уйгур) 1914-жылы азыркы Аксуу аймагы Келпин ооданына караштуу Кумулук айылында төрөлгөн. Кийин Акчий ооданы Сапарбай айылына барып байга койчу болгон. Кой кайтарып жүргөн кезинде Жусубакундан «Манас» үйрөнгөн. 1964-жылы Пазыл Абыке анын айтуусунда «Алмамбеттин Бейжинден чыгышы» деген бөлүмдөн 1140 сап жазып алган.
Муса Якуп башка боордош улуттан болгонуна карабай «Манас» эпосун жатка айтууну үйрөнгөн. Манасчы катары бизди аябай кызыктырат. Ал айткан вариант «Манас» эпосунун түйүндүү бөлүктөрүнүн бири болуп, көрүнгөн манасчы арналуу айталган эмес. Ошого Мусаны кадимки чоң манасчы Жусубакундан үйрөнгөнү чын окшойт деген бүтүмгө келүүгө болот.
Муса Алмамбеттин Бейжинден чыгып мусулман болушу, Көкчө менен достошушу, кайра Бейжинге кирип атасын өлтүрүшү, Манаска келиши сыяктуу узун барышты Алмамбеттин тили менен баяндаган. Эпостун ошончо көлөмдүү бөлүгүнүн биринчи жекенин тили менен баяндалышы эпос айтуудагы татаал өткөл эле. Муса Якуп чечен манасчы катары бир ооз сөз, бир уйкаштан кемитилбей Алмамбеттин баянын ошончо так, көркөм берүүгө жетишкен.
Муса вариантынын адабий куну бир кыйла баалуу болуп, Алмамбеттин Манаска келишинен турган зарыл эпостук бөлүк камтылган телегейи тегиз келишкен мурас жана өкүлдүк мүнөздөгү вариант. Жусубакундан «Манас» үйрөнгөн манасчы Кабылакун менен Муса Якуптун вариантын салыштырсак экөө тең Алмамбет жөнүндөгү жомокту баяндаган варианттар болсо да көркөмдүк жактан, окуянын шыдыр, так логикалуу, системалуу баяндалышы жагынан уйгур манасчысы өз устасы Жусубакундун өнөрүн түбүнө жеткире ийгерип алгандай турат. Кабылакун болсо картайып калгандыгынанбы, айтор кээ жерлерде буйдалып калган.
«Манас» эпосун башка улут өнөрпозу айтып, эл арасында манасчы атыгышы сонун көрүнүш. Ушуга карап эле кыргыз эпосунун калың эл арасында канчалык кенири, терең тамыр тартканын билүүгө болот.
«МАНАС» ЭПОСУНУН ВАРИАНТТАРЫ ЖАНА МАНАСЧЫЛАР МЕКТЕБИ
Биз XIX кылымдын ортосунан баштап ар жерде, ар түрлүү көлөмдө, ар түрлүү жагдайда, ар түрлүү адамдар тарабынан кагазга түшүрүлгөн «Манас» эпосунун кол жазмаларын заттык далил катары ортого салып, алардын эсебин чыгарсак Ч. Валиханов менен Радлов жазып алган вариантты кошпогондо Кыргызстан илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда «Манастын» 62 варианты сакталуу болуп, мында «Манас» бөлүмү 31, «Семетей» бөлүмү 22, «Сейтек» бөлүмү 9 вариант. Мунун ичинде жети манасчыдан үч бөлүм толук, 15 манасчыдан «Манас» менен «Семетей» толук, калгандарынан үч бөлүмдүн айрым бөлүктөрү жазып алынган1. Бул варианттар жөнүндө кеңири токтолбойбуз.
«Манас» эпосу эң кеңири жайылган өлкөлөрдүн бири болгон Шинжаңда эпосту жалпы беткей кагазга түшүрүү 1961-жылы башталып, аралыкта бир токтоп, 1964-жылы экинчи ирет колго алынып, өтө маанилүү материалдар жазылып калтырылган. «Манасты» жазып алуу аябай кечиккен, Жуңго кыргыздары коомдук түзүлүүдө чоң өзгөрүштөргө дуушар болгон учур болсо да тоолук эл жаңы турмушка толук кирбеген, мурунку салттык адаттарынан, жөрөлгөлүү маданияттан кол үзбөгөн, жаңы турмуш ыкмасы элдин салттык эстетикасына катыраң чыргалаң сала элек кез эле. Ошого бул учурда жазып алынган «Манастын» варианттары кыргыз адабиятында табылгыс материал болуп эсептелет. 60-жылдары «Манас» эпосун жыйноого катышкан кыргыз, ханзу зияллары өз эскерүүлөрүндө ошол кезде 70 ашуун манасчыдан материал жазып алынганы жөнүндө эскеришет2. Он канча жылдык «маданият көңтөрүшү» кезинде «Манас» эпосу кызматы оор чыгымга жолукту. Көптөгөн материалдар жоголду жана жекелердин калтасына түшүп кетти. Калган материалдар топо басып, даттаган сандыктарда узун жыл катылып жатты. Эл оозунан жыйналгандан бери баракталып бакпаган, бирөө келип бетин ачып көрбөгөн ошол материалдардын саргарган беттерин ай айлап ачып, сап-сабына көз жүгүртсөк эпос боюнча айтылар сөздүн арбындыгы айкын болду. Азыр Шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунда сакталып жаткан 1961-жылдан 1964-жылга чейин жыйналган (андан кийин жазылган материалдарды максаттуу түрдө эсепке кошпой турдук) материалдардан быйыл (1995-жыл) алгач ирет 48 вариантты окуп чыктык. Мунун ичинде 1961-жылы Жусуп Мамайдан «Манастын» «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит» деген беш бөлүмү жазылып алынган. Азыргыча Саякбай Карала «Манастын» үч бөлүмүнөн сырт Кенен баатыр, анын балдары Алымсарык, Кулансарык деген ат менен 15186 сап материал айткандан сырт Ж. Мамай сыяктуу эч кимден беш бөлүмгө созулган «Манастын» материалы жазылган эмес экен.
Эпостун «Манас», «Семетей» бөлүгү Эшматтан жазып алынган. Эшмат Маты менен Орозо Кадырдан «Семетей» толук жазылган. Калган 18 манасчы «Манастын» айрым бөлүктөрүн, 23 манасчы «Семетейдин» айрым бөлүктөрүн, манасчы «Сейтектин» айрым бөлүктөрүн арналуу айтышкан. Бул тизмени дагы конкрет тизсек «Манастын төрөлүшү» 4 парча, «Манастын балалыгы» 2 парча, «Алмамбеттин Манаска келиши» 4 парча, «Жети кандын Манаска элчи жибериши», «Чоң казат», «Алмамбеттин чалгынга жөнөшү», «Манастын өлүмү» 9 парча3, «Семетейдин балалыгы», «Семетейдин Бейжинге аттанышы» 3 парча, «Айчүрөктүн Акшумкарды ала качышы» 15 парча, «Толтойдун өлүмү», «Кыяз менен Канчоронун Семетейге кастыгы», «Сейтектин төрөлүшү» жана «Кыяздын өлтүрүлүшү» 7 парча. Мындан Улуучат ооданына караштуу айылдардан 18, Акчий ооданына караштуу айылдардан 16, Актоо ооданына караштуу айылдардан 7, азыркы Артыш шаарына караштуу Каражүл, Тегирмети айылынан 6, Ташкоргон Тажик автоном ооданына караштуу Тагарма айылынан I парча вариант жазып алынган.
Бул жерде бир нерсени эскертип кетүү зарыл. 60-жылдары «Манас» эпосун жазып алууга катышкандар ар кесиптеги адамдар болуп, милдет оор, убакыт кысык, жазып алуу жагдайы өтө начар болгон. Көптөгөн варианттар кыскартылып жана шашылыш жазылган, кол жазмаларда ошол манасчынын бир канча бөлүктөрдү биле тургандыгы эскертилсе да амалиятта тек гана айрым бөлүктөрү жазып алынган. Толук жазылбай калган. Ошого бул материалдарга сөөнүп туруп «Манас» эпосунун таралуу жолдорун чечкин түрүндө айтып чыга албайбыз. Ошентсе да колдо бар материалдарды жонунан түргө айырганда Акчий өрөөнүнөн «Жети кандын Манаска элчи жибериши», «Чоң казат», «Алмамбеттин Манаска келиши» бөлүктөрү салыштырмалуу түрдө көп жазылган. Ал Улуучат ооданына караштуу айылдарда «Айчүрөктүн Акшумкарды ала качышы» бөлүгү мүлдө басым орунду ээлеген. Актоо кыргыздары арасында «Манастын төрөлүшү» көбүрөөк айтылган. Ал Каражүл, Тегирмети айылдарында өтө аралаш болуп, кайсы варианттардын өкүлдүк мүнөзгө ээ экендигин билүү кыйын. Бул бир механикалык бөлүү болсо да колдо бар заттык материалдарга ишенбей болбойт. Чындап салыштырып келгенде жүз жылдын алдында Ч. Валиханов менен Радловдун жазып алган «Манасы» менен жүз жылдан кийин 1960-жылдары Жунгодо жазып алынган «Манастын» көптөгөн варианттары коёндой окшошуп келгендиги менен бизди таң калтырат. Көрсө кыргыз болгон жерде бирдей эле «Манас» болуп келген турбайбы. Ушул тургудан алганда «Манас» эпосун варианттарга бөлүнөт деп айтуу, аны айрым топторго, мектептерге бөлүү эмгегин тарткандан башка иш эмес. Бирок бир башаттан ийип чыккан, улам арбып, көбөйүп, түркүн толкун, тармак агым жасап, Теңиртоо, Памир кыркаларына тарап, кайра бир уюлга – кыргыздар арасына куйган бул рухий дайранын сырын ачууда агып өткөн, урпактан-урпакка, кылымдан кылымга тепчип өткөн жолдордун изигин эсепке албай болбойт.
«Манас» эпосунда ички гармония закондуулук бар болуп, аны эпостун «математикалык формуласы» деп атоого болот. Бул формула эпостоштурулган улуттук санаа аркылуу түзүлгөн болуп, элдин көркөм ойлонмосунан, улуттук утопиясынан жаралган тарыхый ой-санаанын жаңырыгы баатырлардын чуулгандуу төрөлүшүнөн трагедиялуу өлүп кетишине чейин болгон аралыкта кайта-кайта жаңырып турган. Ар кандай манасчы эпостун ушул өзгөчөлүгүн үйрөнүп эмес, как жанына сиңирип, өздөштүрүп алышкан. «Манастагы» туруктуу болгон мындай төтөлөй туюм формасы көп кайталануу барышында салтка айланган жана кемелине жеткен. Ушул жөрөлгө кылымдар бою бекем сакталып келгендиктен мейли жүз жылдан мурунку манасчы болсун, же биз менен бирге жашап жаткан бүгүнкү манасчылар болсун бардыгы эпостун заманга шайкешкен жаратуучулары эмес, өзүнөн мурунку жөрөлгөнү бекем сактаган, уландырган, өз дооруна жеткирген мураскерлер болушкан. Бул барышта элдик эпостор өлүк жаттоо менен эмес, тирүү органикалуу түрдө уланган. «Манас» эпосунун сыры, анын кыймылда турушунда болгон. Ал канча көп айтылган сайын, ооздон оозго өткөн сайын жашарган, чыңалган. Уландуу жатка айтуу, күндөп-түндөп сыдыра айтуу, жер-жерлерди кыдыра айтуу «Манас» эпосуна өлбөстүн өмүрүн берип, өчпөстүн отун жактырган. Эпостун мындай тарыхый кыймылы анын варианттарынын жаралышын шарттаган.
Азырынча салыштырууга мүмкүн болгон 65 вариантты (Кыргызстанда ар дайым сөз болгон 17 вариант, Шинжаңда алгач ирет окуп чыгылган 48 вариант) сөзгө тартсак айтылар сөз арбын табылат. Көрсө «Манас» сериясы (түрмөгү) баатырлардын кандаштыгы боюнча түзүлгөн жана сюжети боюнча бир бирине байланган бир бүтүн чыгарма болуп, аткарууда мезгил жана мейкиндик чектемесинен улам бөлөк-бөлөктөргө бөлүнүп, оозекилик касиети боюнча кайра мезгил жана мейкиндик чектемесинен алкып өтүп-каалаган учурда биригип, бир система түзүп турган. Ошого ар бир манасчы эпостун «улап таратуучу станциялары» болушкан. Мындайча айтканда бир манасчы бир жактан шаңырт болуп, бир жактан устав болгон же бир жактан кабылдап, бир жактан таратып турган, биз ушул болжолго негиз манасчылар мектеби жөнүндө сөз кылууга мүмкүндүк табабыз.
«Манас» эпосу кыргыз эл оозеки адабиятында өз алдынча чоң бир окуу борбору болуп, анын диплому бир гана болгон. Ал болсо манасчылык өнөр. Бирок аткарууда бөлөк-бөлөктөргө бөлүп айтуу шартталган. Ушундай зарылдыктан улам шарттуу түрдө эпостук топтор жана кесиптер жардыкка келген. Ошол аталган эпостук кесипти ыргылжың болбой туруп эле эң алды менен «Манас» мектеби, «Семетей» мектеби, «Сейтек» мектеби деген үч топко бөлүүгө болот. «Манас» мектеби – «Манас» окуу борборунун өзөгү болуп, эң алгач «Манас» эпосунун уңгусун айтууну баштаган адамдан тартып азыркыча болгон бардык манасчылар бул топтун өкүлдөрү болот. Бул тооктон жумуртка туулат дегендей эле жөнөкөй жүйө. Ушул оңой назарияга салганыбызда тарыхтан бери эпостун «Семетей бөлүгүн айткандар «Семетей» мектебине, «Сейтек» бөлүгүн айткандар «Сейтек» мектебине кирет. Мындай бөлүүдөгү себеп: «Манас» эпосу элдик, улуттук, массалык чыгарма катары ар кайсы доорлордо айтылып, ар бир өнөрпоз, чечендин эмгеги менен бизге жеткен. Саякбай, Эшмат, Ж. Мамай сыяктуу залкарлар эпостун үч же андан да көп бөлүмдөрүн тегиз айтканы менен жүздөгөн, миңдеген манасчылар эпостун айрым бөлүктөрүн арналуу кесип катары айтышкан жана ошол жөрөлгөнү уландырган. Бул ары табым, ары демейдеги көрүнүш эле. Ошентип, эпостун белгилүү бөлүктөрү, белгилүү жерлерде кеңири тарап, элдик кайра жаратууга көбүрөөк жолугуп, жерлик, жөрөлгөлүү варианттардын пайда болушуна алып келген. Андан башка манасчынын өзүмдүк эстетикалык далалаты, чөйрөнүн таасири да эпостун айрым варианттарынын түзүлүшүнө, калыптанышына өбөлгө болгон. Бул барышта эпостун жекелер өкүлдүк кылган мектептери да түзүлө баштаган.
Биз «Манасты» жогоркудай өз бөлүмдөрү боюнча топторго бөлүү менен бирге жакынкы бир кылым ичинде жазып алынган материалдарга негиз шарттуу түрдө жекелер «күлдүк кылган манасчылык мектептерин айрым топторго бөлүүгө болот. Мында албетте, манасчылардын кесиптик атак-даңкына, кийинкилерге калтырган таасирлерине, айткан вариантынын сан жана сапатына, анын жолун жолдогон шакирттердин болгон-болбогонуна карайбыз. Ушул тургудан XIX кылым менен XX кылымда жашап өткөн манасчыларды Тыныбек мектеби, Сагымбай мектеби, Саякбай мектеби, Эшмат мектеби, Жусуп Мамай мектеби дегендей топторго бөлүүгө болот.
«Манас» эпосун мектептерге бөлүүдө азыргыча бирдикке келген көз караш жок. Казак окумуштуусу Мухтар Ауэзов манасчылык кесип-өнөрдүн бир нече мектеби болушу мүмкүндүгүн жоромолдоп, Каракол жана Нарын мектептери бар деп белгилейт. Биринчисинин өкүлдөрү катары Саякбай Караланы, экинчисине Сагымбай Орозбакты кошот.
М. Ауэзов айткан илимий жоромолду К. Рахматуллин, В. Жирмунский ж. б. окумуштуулар да кубатташат4. Англиялык эпосшунасы ябы Хатто Радлов жазып алган «Манас» эпосунун тогуз парча бөлүгү жөнүндө токтолуп, «бул тогуз бөлүк ыр саптарын жана жомокту айткандар беш башка же беш адамдын элдик өнөрпоздору болушкан»5 деп жазат. Жогоркудай ойду тек гана текстти бирме-бир салыштырган адамдар айта алат. Ошентсе да алар манасчыларды адамдарга, мектептерге бөлүүдө кандай назариялык аныктамага сөөмгөн деген маселе биз үчүн бүдөмүк. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарын өз ара салыштырып көргөн изилдөөчү Самар Мусаев: «Сагымбай, Тоголок Молдо, Ыбырай, Молдобасандардын варианты бир-бирине жакын. Булар өзүнчө бир мектепке киргендиги менен түшүндүрүлөт»6 десе, дагы бир эмгегинде «Сагымбай вариантына Шапак, Багыш, Тоголок Молдо, Молдобасандардыкы, Саякбай вариантына Мамбет, Дуңкана, Шаабай жана башкалардын варианттары жакындык кылат»7 дейт. Жогорку мектептерге (салыштырмалуу түрдө) Жунго кыргыз манасчылары кандай бөлүнөт, кандай ыкмадагы варианттар сакталган деген суроо бизди кызыктырат.
Аял изилдөөчү Лаң йиң Ж. Мамай менен Эшматтын манасчылык өнөрлөрүн бирме-бир салыштырып келип, экөө эки башка ыкмадагы манасчылар экендигин жүйөөлүү далилдеди. XIX кылымда Радлов жазып алган «Манастын» «Көзкамандар окуясы» бөлүгү Эшматта толук сакталганын, Эшмат вариантындагы «Таласты коргоо», «Манас менен Сайкалдын жомогу», «Манастын Көзкамандар тарабынан касталып, өлүп кайра тирилүүсү» жана «Семетейдин казатка аттанышы» бөлүктөрү Ж. Мамай вариантында жок экендигин айтат8. Биз Тыныбек, Сагымбай, Саякбай, Эшмат, Ж. Мамайларды манасчылардын XX кылымдагы эң залкар өкүлдөрү катары эсептеп, аларды бир-бирине салыштырган изилдөөлөрдүн анча-мынча колго алынгандыгын эске алып туруп, булар жөнүндө эмес, азыркыча бизге белгисиз болгон Шинжаңдагы манасчылардын варианттары жөнүндө токтолуп өтөлү. Акчийдин Сомташ айылынан чыккан манасчы Абдыл Азиз айткан «Манастын балалыгында» Манас жети жашында кырк жигит жыйып, калмактын сексен баласы менен чабышып, кой башы Ошпурдун эс-үшүн алат. Манас Ордону кечкен Эсенкандын кербендерин талкалайт. Ушул сюжеттин өзү Абыл Азиздин Саякбайдын мектебине таандык экенин далилдеп турат. Жакып Манасты өз койчусу Ошпурга козу кайтартканына карата башталган бул окуя Шинжаңдык манасчыларда негизинен жолукпайт. Ал эми Сагымбайдын вариантында айтылган «Жети кандын Манаска каршы кеңеши» биздин манасчыларда эң көп жолугат. Акчийлик манасчылар Мамбет Орозо Борбуш, Өмүракун, Качкын, Сартбай, Асанбек Аманбай, Мамет Салмаке, Ажакун, Тегирметилик манасчы Жума Эсен, Актоолук манасчы Талип Сейит, Сабит Осмондор арналуу түрдө «Жети кан окуясын» айтышкан. Мунун ичинде Мамбет Орозо Борбуш, Жума Эсен, Мамет Салмаке, Талип Сейит, Сабит Осмон варианттарында «Жети кан окуясынан» ырбаган «Чоң казат», «Алмамбет менен Чубактын салгыны», «Алмамбеттин арманы» бирдей айтылат да, айырмалуу түрдө М. Борбуш менен М. Салмакеде Кыргылдын чатагы, Тазбайматтын Манасты унутушу, Бозуул менен Ырчыуулдун чыры, Макел дөөнүн өлүмү айтылса, Ж. Эсенде «Алмамбеттин Манаска келиши» чалгын кезинде баяндалат. А. С. Осмон вариантында болсо Манастын жаралуу болушу, ок тийип карды жарылган эки аялдын курсагынан түшкөн баланы Манастын багып алышы айтылат. Т. Сейитте болсо Бейжинди алуу, Коңурбайдын жеңилип мөөнөт сурашы, элине кеңеш салышы, алтын каза тургандардын Манасты биз өлтүрөбүз деп жер алдын казып, Манас дааратка чыккан жерден аны жарадар кылышы, Семетейдин төрөлүшү, эки чоронун табылышы, Манастын өлүшү айтылат. Жогорку сегиз вариантта «Жети кандын Манаска каршы кеңеши» окшош айтылганы менен «Чоң казат» барышындагы окуялар түрдүү ченемде баяндалган.
Жунго кыргыз манасчылары 60-жылдары эң көп айткан жана эң көп жаздырган вариант «Айчүрөктүн Акшумкарды алып качышы» болуп, мунун ичинде 12 вариантта9 Чынкожо менен Толтойдун Акун кан шаарына жасаган чабуулу, Айчүрөктүн аккуу болуп учушу, эрлерди сынашы, Чачыкей менен жолугушу, Акшумкарды алып качышы, Семетейдин жаа күлүк ат алып, чоролорун ээрчитип кушту издеши, Үргөнчтү кечиши, Толтой, Чынкожолор менен салгылашканы сыяктуу салттык окуялар баяндалат. Ошолордун ичинде О.Жаркынбай, Т.Жамаке, Ү. Абдыжапар, Өмөр сыяктуу семетейчилерден Айчүрөктүн Акшумкарды алып качышынан Толтойдун өлгөнүнчө болгон бир бүтүн окуя толук айтылган. Жогорку 12 манасчыны эч кандай талашсыз эле Тыныбек мектебине кошууга болот. Анткени, Тыныбектен мурас калган «Айчүрөктүн Акшумкарды алып качышы» жомогу өкүлдүк мүнөзгө ээ болуп, ал колго тийген «Семетейдин» алгач жазма нускаларынын бири.
Биз жогорку 12 семетейчинин тизмесине максаттуу түрдө төмөнкү үч манасчыны кошподук. Алар Сейит Ыбырайым (Тоюн), Кадыр Байсал (Улуу-Чат) жана Мати (Сапарбай). Булардын ичинде С. Ыбырайым менен К. Байсал Семетей менен Айчүрөккө байланышкан жогорку салттык окуяларды коёндой окшош айтканы менен Толтой менен Чынкожо жеңилгенден кийин окуя дароо эле Семетей менен Кыяз ортосундагы кагылышка өтөт. Анан табигый түрдө Канчоронун чыккынчылыгы, Семетейдин өлүмү, Кыяздын Айчүрөктү алышы, Сейтектин кыйын кезеңде төрөлүшү, эр жетиши, ата кегин алышы, кан болушу баяндалат. Бул окуялар Тыныбек вариантында жазылбай калган болсо да Тыныбек өкүлдүк кылган мектепте байыртан айтылып келе жаткандыгы талашсыз. Жогорку 14 өнөрпоздордон айырмалуу түрдө Сапарбайлык манасчы Мати аталган бөлүмдү айтып келип, Толтойдун тили аркылуу «Көкөтөйдүн ашы» баяндалат. Бул Саякбай өкүлдүк кылган топко таандык көрүнүш болуп, Саякбай, Дункана Кочукеев, Акмат Рысмендеевдер «Көкөтөйдүн ашын» ушул жерде айтышкан. Мати вариантында Толтой Чынкожого Манастын Көкөтөйдүн ашына келгенинен тартып Жолой, Коңурбайлар менен болгон чоң кагылышты алты бөлүп айтат. Алты ирет аштагы алты окуяны баяндайт. Бул өзгөчө ыкма болсо керек. Кантпесин «Көкөтөйдүн ашын» «Семетейде» берүүдө Саякбай менен Мати кокус үндөшүп турган жери жок. Алардын алган таалими бир болгон.
Биздин манасчылардан Осмон Намаз (Каражүл), Абдыкерим Усупбек (Кызылой), Бекбоолор (Кызылой) айткан «Семетейдин Бейжинге аттанышы» Саякбайдыкына окшош болуп, бул варианттардын бардыгында баатырлар Бейжинге баратканда эки чоронун атын Мурадил кар жаадырып, күн байлап, сыйкыр менен уурдап кетет. Баатырлар жөө-жалаң калышат. Андан кийинки кароолчу айбандардын кармалышы, Карагулдун Семетейди алдашы жана башка окуялар көптөгөн варианттарда бирдей. Тек гана Мурадилдин аттарды уурдашы, баатырлардын жөө-жалаң калышы Эшмат, Ж. Мамай варианттарына окшобогон түрдө Саякбай, Осмон Намаз варианттарында окшош келиши өз алдынча көрүнүш катары каралган.
Радлов XIX кылымда жазып алган «Манастын» «Алмамбеттин Манаска келиши» аттуу салттык бөлүмүнө коёндой окшошкон варианттардын бири кылымдан кийин Жунго кыргыз манасчыларынан жазып алынышы керектүү көрүнүштөрдүн бири. Бизде Кабылакун (Карачий), Муса Якуп (уйгур, Сапарбайлык) Өмүрбөй Деркенбай (Сапарбай), Токтакун Адыке (Сапарбай) сыяктуу манасчылар айткан Алмамбеттин Көкчөгө келиши, Акеркеч менен ойнош болду деген айың кептен араздашып Көкчөдөн кетиши, Манастын түш көрүшү, түштүн жорулушу, Манас менен Алмамбеттин эмчек ээмп достошкону сыяктуу өнөгөлүү окуялар Радлов жазып алган жана Саякбай айткан варианттарга үндөшөт. Аталган манасчыларды ошол мектептин өкүлдөрү болушкан деп айтууга негиз бар.
Семетейчилерден Орозо Кадыр (Тегирмети), Бекир
Малай (Оксалыр), Кадыр (Ташкоргон), Ыбырай Орозо Мамбеттер (Кызылой) «Семетейдин балалыгын» ырдашкан. Бул варианттарда Семетейдин жетим болгону, Абыке, Көбөш жагынан арам мамилеге дуушар болгону, тентигени, токойчу Сарытаздан тегин укканы, Таласка кайтканы, өткөн өчүн алганы сыяктуу салттуу окуялар баяндалат. Мунун ичинде Орозо Кадырдын варианты бир кыйла толук болуп, Манастын ашы, күмбөздүн салдырылышынан тартып Семетей менен Чынкожо, Толтойлордун жоолошконунча болгон окуялар 8500 сап ыр менен берилген. Биз үчүн табылгыс материалдардын бири. Таш-Коргон Тажик автоном ооданына караштуу Тагармалык (азыркы Көкжар кыргыз улуттук айылы) манасчы Кадырдан 60-жылдары жарымы ыр, жарымы кара сөз менен айтылган «Семетейдин балалыгынын» жазып алынышы болуп саналат. Ташкоргон кыргыздарына жеткен «Семетейдин» салттык сюжеттери менен айтылышы кыргыз эпосторунун таралуу картасын Памирдин батыш чеги менен туташтырат.
Биз манасчыларды топко бөлгөндө Кыргызстан чөлкөмүндөгү Түштүктүк манасчылар менен Шинжаң чөлкөмүндөгү Памирлик манасчылар жөнүндө айрым сөз кылбай болбойт. Бул жерлерде «Манас», «Семетейдин» көптөгөн салттык сюжеттери башка жердеги варианттарга окшош эле айтылып, ыр курулмасы, айтуу ыкмасы жагынан өз алдынча эрекчеликке ээ болуу менен бирге айрым варианттар салыштырмалуу түрдө түптөн өзгөчө болгон. Биз Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу Актоо ооданындагы Памир тоосун жердеген кыргыздар (айрым атоолордо Тескей тоо кыргыздары деп айтылып жүрөт) арасынан 60-жылдары жазып алынган варианттарга сары эсеп салсак «Манастын төрөлүшү» бөлүгү сюжет жагынан, эпостук жөрөлгө жагынан, ыр түзүлүшү, тил өзгөчөлүгү жагынан архаикалык эпостордун типтүү өзгөчөлүктөрүнө аябай канык болгондугу менен баалуу.
Тескей тоо кыргыздарынан Шаабай Чолу, Төрө Жума, Ысмайыл, Алыппек Калпакелер айткан «Манастын төрөлүшү» аттуу бөлүмдө жарты кепич Жакып байдын туяксыз болуп, эл алдында кагуурун жеп, кайгы тартканы, мазар тайыганы, аялы алма жеп ырымдап боюнда болгону, баланын курсакта сүйлөгөнү, дубаналардын Манаска ат коюшу, Манаска жар издөө, Накылайдын Манасты каргашы, Манастын Таласбайдан өлүшү, эненин эмчек сүтү менен (кээде көз жашы менен) Манастын кайра тирилиши, Таласбайды өлтүрүп, анын карындашы Карлыгачты Накылайга кошуп алышы сыяктуу окуялар баяндалат. Жогорку варианттарда бирдей эле той болуп жаткан учурда Шыгай: «Балалууга баш тарткыла, баласы жок Жакыпка көзүн ойгон көр чоку тарткыла», – деп Жакыпты көрүнөө кордогону айтылат. Мындай мотивди биз «Коркут ата» дастанынан да көрөбүз. Анда Баяндыр кан ар жыл бир ирет чоң майрам өткөрүп, конокторго ак, кара, кызыл чатыр тиктирип, баласыздарды кара чатырга киргизип, ыштаган эт менен күткүлө деп буйрук согот. Жесе ушундайды жесин, жебесе кетсин, мындай туяксыздарды теңир каргаган. Биз дагы каргайлы дейт10. Түркү тилдүү элдер эпосундагы мындай орток мотивдердин Памир кыргыздарында кеңири сакталышы кызык көрүнүштөрдүн бири. Андан башка алма жеп бойкат болуу мотиви «Манаста» Памир кыргыздарынан жазып алган варианттарда кеңири жолугат. Мындай мотив «Эр Төштүк» эпосунда да учурайт. Эламан бала тилеп келгенде бир адам ага алма берет. Жогорку варианттарда Жакып менен Багым сулуу бала тилеп мазарда түнөп, дубана берген алманы жеп бала көрүшүп, мындай мотивдер «Манастын» Күнгөй тоо кыргыздары айткан варианттарда жолукпай, Тескей тоо варианттарында жолугушу кокустук эмес.
Айрым изилдөөлөргө караганда Кыргызстандын Түштүгүндө «Манастын» өзгөчө варианттары сакталган11.
Ушундан эле «Манастын» түштүкчө жана памирче айтылган варианттарын өз алдынча топко бөлүүнүн тарыхы, илимий негизи бар экендиги билинип турат.
Жогоруда биз тилге алган манасчылардан Шаабай Чолу, Төрө Жума, Ысмайылдар өз варианттарын жарымы ыр, жарымы кара сөз түрүндө айтса Алыппек Калпаке такыр кара сөз менен айткан. Болуп да ыр курулмасынын өзгөчөлүгү бул варианттардагы эң чоң айырма болуп саналат. Ошентип, «Манастын» Тескей тоо варианттары көп жагынан башка варианттардан өзгөчөлөнүп, өзүнчө бир манасчылык мектебин түзүп турушат.
А Д А Б И Я Т Т А Р:
- С. Мусаев. Кыргыз адабияты. «Мектеп», 1985, 18, 32-беттер.
- Ху Жинхуа. «Мамлекет ичи, сыртындагы манасчылар жөнүндө» деген макаласында 70ден ашуун деп жазса, Лаң Йиң «Манаска» жоромолор» аттуу китебинде 80ден ашуун деп жазат.
- Бул бөлүктөр ар дайым бир-бирин шарттап, бирине-бири себепчи болуп, окуялары улаша келгендиктен жана кээде бөлүнсө, кээде сыдыра айтылгандыктан бирге санадык.
- Акындар чыгармаларынын тарыхынын очерктери. Бишкек, Илим, 1988, 480-бет.
- «Улуттук адабияттан котормолор» (1-бөлүм), 1983, 178-бет, Иабу Хоту «XIX кылымдагы кыргыз эпосунун сюжети жана кейипкерлери» аттуу макаласы.
- «Кыргыз адабияты», «Мектеп», 1985, 38-бет.
- Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. «Илим», 1988, 610-бет.
- Лаң йиң. «Манаска жоромолдор», Ички Мунгул университети басмасы, 1991, 79-бет, (ханзуча).
- 12 вариантты айткандар булар: Түкүш Мамаке (Сапарбай),
Опаз Жаркынбай (Каражул), Үсөйүн Абдыжапар (Кызылой), Үмөр (Кызылой), Ысмайыл Кулмолдо (Көөнө Улуучат), Томок Мамбетаалы (Тоюн), Жапар Темир (Булуң-Көл), Таабалды Керим (Бостонтерек), Жумагул Үсөкө (Кызылой), Бакытбай Токо (Кулансарык), Мусакун Мырзамамбет (Терек), Айдараалы Таштан (Көөнө Улуучат).
- «Улуттук адабияттан котормолор» (1-китеп), Бейжин, 1983, 180, 322-беттер.
- К.Калчакеев. «Манастын» түштүкчө айтылышы», «Мурас» 1993-ж., 1-, 2-сандары, Бишкек.
ЛАҢ ЙИҢ
«МАНАСТЫН» ТРАГЕДИЯЛЫК АСЕМДИГИ
Кыргыздын баатырлык тарыхый эпосу «Манас» өрүшү кенен, камтыган мазмуну көшүлүп жаткан, байыркы кыргыздардын коомдук турмуш-тиричилигин териштире айткан бир энциклопедия болуп, анын таңсык билимдик жана илимдик илимий кунары бар; кадыресе, көлөмү өтө зор болгон адабий чыгарма болуп, жетик көркөмдүк наркты камтып жатат.
Асем өнөрдүн (эстетиканын) желесинде (категориясында) көркөмдүк үзүрдүн табытына карай анын кубулуш жагдайларын жиктерге бөлө айтат. Демейде, ал жиктерде жетиктик, сулуулук, трагедия, тамашакөйлүк (драмалык) сыяктуу көркөмдүктүн бир нече кашкайган сымбаттары болот. Асем өнөрдүн желесиндеги трагедия коомдук жашоо-тиричилигиндеги кайгы-муң менен бакытсыздык шорду көрсөтпөйт, арийне, ал театр кебетесиндеги жан кыярлыкты да көрсөтүп турганы жок, анын айтайын дегени бир түрдүү көркөмдүктүн бөтөнчө сымбатындагы трагедиялык кунар.
«Манас» эпосунда эмкинин адамдары каңырыгын түтөтүп, кастарлай турган жан кыяр баатырлар жаралып, өзөктү өрттөнтө турган трагедиялуу окуялар сүрөттөлөт. Бул трагедиялуу окуялар, жан кыяр баатырлардын тагдыры уккан адамдардын өзөгүн өрттөп, каңырыгын түтөтүп, көркөм өнөрдүн ичеги-боорду эзе турган кубаты курчуп, трагедиялык кунар «Манас» эпосунда өтө өзөктүү азем өнөрдүн бөтөнчөлүгү болуп келген.
- Эпостун башкы каарманы «Манас» каарлуу, алп баатыр. Ал төрөлгөн учурда калмактар[1] кыргыздарды багындысы кылып жаткан, кыргыздар тукум курут болуп кетүү жагдайда турган кез болучу. Душман жактын аяры Нескара Манас төрөлүштөн мурда эле кереметинде туюп; «Кыргыздардан Манас аттуу уул төрөлөт, ал кийин эр жетип, төгөрөгүндөгүнүн баардыгын багындыра турган баатыр болуп, калмактарга да жакшылыктуу күн көрсөтпөйт» деп алдын ала айтат. Ошол сөздөн улам, калмактар Манастын чыгышын, төрөлүшүн тыюу максатында кыргыздардын ымыркай балдарын бүт кыра баштайт. Бой кат аялдардын курсактарын жарып салат. Бирок душмандын ал арам оюн уюткулуу элдин акылы таш каптырып, акыры Манас дүйнөгө көз жарат. Аны калмактардын көзүнөн далдаа жерлерде, тоо коюну, токойдун арасына багып чоңойтот. Баатыр кичинесинен эле улуттун кордолуп жүргөнүн өз көзү менен көрөт. Ал кезде калмактардын ооматы келип, ай дээр аясы, кой дээр кожосу жок, черүүсү кутуруп турган чагы экен. Манас жөөлөп турган ал карылуу жоодон жалтанган жок, 12 жашынан эле аттанып, кырк чоро курап, уюткулуу журттун медери менен карылуу жоого кандуу салгылашуу жасайт. Жоо менен сайышууда Манас ченемсиз кудуреттүү, ач жолборстой, ачыккан карышкырлардай болгон душмандардын торопоюн тоздуруп таштайт. Калмак оторчулары менен чөйрөсүндөгү үстөмдүк жасап жаткан түркүн тайпаларынын ордосун кулатып, аларды багындырат. Өз каруусу менен элдин мал-мүлкүн душмандын колунан олжолоп алып, кыргыз элине таратып берет. Манас баатырдын тушунда кыргыздардын төбөсү көккө жетип, телегейи текшиленген мамыр заман болгон экен. Жеңилгенине ичи туздай ачышкан калмактар Көзкаман менен анын баласы Көкчөкөздөй чыккынчыларды сатып алып, бул экөөнүн мурдагы Манас менен болгон жакынчылыгынан пайдаланып, аларды Манаска тымызын жиберип, баатырга кастык жасатат. Манас кастыкка учурап, башына ай балта мадала чабылат. Баштын жарасы чарадай алжайып, кыяндай кызыл кан агат. Ошол тушта кереметтүү аялы Каныкей жетип келип, киши киядан дары жасап дарылайт, баатыр өлүмдөн аман калат. (Эшмамбеттин айтуусунда, Манас Көзкаман менен анын уулу Көкчөкөздүн берген уулуу арагына ууланып каза табат, кийин сыйкырлуу дарыга чайкалып, анан кайра тирилет). Чыгышка качкан калмактын төрөсү Коңурбайдан кек алуу үчүн, Манас жакындарынын кой дегенине, кол астындагылардын айтканына болбой, калкылдаган черүүсүн баштап Чоң казатка аттанат. Каарлуу салгылашуу менен Манас Коңурбайды жеңип, анын шаарына жапырып кирип, анын отурган хан тагына чыгат. Ошол кубанычта кайра кайтууну унута калып жүргөндө, кекенип калган айлалуу Коңурбай жер астына купуя казылган буктурмада бугуп жатып, уу малынган балта менен Манас баатырды башка чабат. Манас башындагы уулуу балтаны суурубаган боюнча бүткүл колу менен аркасына кайтат. Кайтууда торгоолго учурап, жантаягы болуп жүргөн Алмамбет, Чубак, Сыргак – үч баатырынан айрылып калат. Чоң казатка келген жол аябай алыс. Анын үстүнө келген жолду таамай билген Алмамбет каза болгон. Кайткан колду баштап жүргөн Бакай чал өзөгү өрттөнүп убайымда жүрүп нечен сапар жолдон азып, какжыраган кумай чөлдө тегеренип жүрүшөт. Тоодон тоону кыдырып калышат. Манастын жараты күн сайын зилдеп, оорлой берет, жолдо ката зилдеген жара баатырдын жанына аябай батат, ал ата конушу Таласка жеткен кезде араң эле тыныгы калган болуп, Каныкейдин кучагында ааламдан өтөт. Элге бир доор түркүк болуп турган айкөл Манас баатыр мына ошентип өзөктү өрттөнткөн күйүттү таштап, жарык дүйнө менен кош айтышат.
Аристотелдин баамында, жетик көркөм трагедиялуу курулмада «Жакшы адам жакшы жагдайды жаман жагдайга бурап жиберген кылып жазбоо керек»[2]. Кадыресе жакшы адам жаман жагдайды жакшы жагдайга оңогон кылып жазуу керек экен, ошондо анан жүрөктү булк эттирип, өзөктү өрттөй алат дейт. Эпосто Манас кара жанын карч уруп, баатырлыгы менен кыргыз улутунун өтө кыйын жагдайын жакшылыкка оңоду, арийне, чоң казатта жеңишке жетип, баатырлык зоболосу кылымдын кырына угулду. Бирок адамдын каңырыгы түтөгөн же улуу жеңиштин сайрандоосунда жүргөндө баатырга кокустан жоо тымызын кастык жасап, мертинтти. Мындай кокустук Манас баатырды шум тагдырга кабылтып, эпос ту трагедиялуу чыгарып, угармандардын каңырыгын түтөтүп каарын кайнатат, трагедиянын кунары жайнап чыга келет.
Манас өмүрүндө тагдырга мүңкүрөп калган эмес, ал жалтайюусуз күрөш жасады, жанын канжыгага байлап коюп, арстандай айбат, жолборстой сүр менен жоого тийди. Анын элге кылган жумушу кастарлуу, кайраттуу, улуу жумуш болду. Ал жанын канжыгасына байлап коюп салгылашкандыктан, азап тартты, жабыр көрдү, соңунда бактына каршы жанын курман кылды. Белинскийдин мындай айтканы бар: «Биз кандуу согушта же жеңишке жетүүдө курман болгон баатырларга аябай каңырык түтөтүп, кайгырсак болот. Бирок биз баамдагандай, ал курман берүүлөр менен каза болгондор болбогон болсо, аларда каарман боло албаган болор эле, кадыресе, өзүнүн түбөлүктүү күч-кубатын арнай албай, дүйнөдө түбөлүктүү жашоо наркынан соң калмак»[3]. Как ошол сыңары Манас аябай абыгер чекти, жабыр тартты, соңунда бактына каршы курман болуп, этеги трагедия менен бүттү эле, угуп отургандардын каңырыгы түтөп өзөгү өрттөнүп эле калбай, арийне, Манастын образы эл жүрөгүнө ого бетер залкар, ансайын айкөл боюнча уялап калды. Манаста каарлуу трагедиялуу рух чалкып жаткан болуп, чыгыштын баатырлык эпосчулугунда мындай жан кыяр баатырлардын образы өтө таңсык кезигет.
Манастын уулу Семетей «Манас» эпосунун экинчи бөлүмү (урпагы) болуп, ошол «Семетей» бөлүмүнүн негизги каарманы. Ал өмүр бою шорлуу өттү десек да болот. Хан атасы Манас ааламдан өткөндөн кийин, чоң атасы Жакыпбай менен мансапкор, мал карик абалары Абыке, Көбөштөр уялаш боло калып, Семетейди бешиктен белин чыгарбай мертинтүүнүн арам санаасын ойлошот. Андан ак ниеттүү Бакай чалдын жоругу ашынып (Семетейдин бешигине башка бир чоочун баланы бөлөй салып) Семетейди өлүмдөн арачалап калат. Энеси Семетейди калкалап таятасыныкына ала качып, мусапырлык тиричиликти өткөзүшөт. Ал 12 жашка чыкканда ата-тегин угуп, токтоно албай, ата-журтуна кайтып келет. Мурда чоң атасына көрүшкөнү барат. Чоң атасынын арам ою али кайта элек, Семетейге кымызга уу салып берет. Таалайга бүткөн Бакай чал дагы туюп калып жана өлүмдөн алып калат. Анын арам саналуу эки абасы балтыр эти ката элек кезинде эле тындым кылып салуу үчүн, союл көтөргөн зөөкүрлөрүн баштап келип, чоң энесинин өргөсүн чаап кыйраткан болучу. Кырк чоро чыккынчылык менен кайрылган эле, алардын арам ойлору да жер капты. Семетей Бакай чалдын жардамы аркасында энеси Каныкей, чоң энеси Чыйырдылар менен бирге арамсанаачылардын катыгын катаң берип, Манастын энелеш эки тууганы Абыке, Көбөштү мойсоп, Манастын атасы Жакыптын башын алды. Мына ошентип, аялы эринен кек алуу, энеси балдарынан кек алуу, келин кайнатасынан кек алуу, небереси чоң атасынан кек алуудай адамдын алкымы оозуна тыгыларлуу трагедиялык окуя болду. Греция трагедиясында Идибустун атасын өлтүргөн окуясы болгон, «Николоңгиндин кошогунда» Керимирширт күйөөсүнүн кегин алуу үчүн өз агасы Богиндин падышасы Патырды өз колу менен өлтүргөн окуя болгон. Ал эми Шекспирдин айтылуу трагедиялык чыгармасы «Хамратте» иниси агасын өлтүргөн окуя баяндалып, трагедияга өрнөк боло турган трагедиялуу окуялардын өткөндүгү белгилүү. Бирок атайлап айта турган нерсе, «Семетейде» сүрөттөлгөн бир үй-бүлөнүн жан кыйып кек алуу күрөшү биз жогоруда атап кеткен залкар трагедиялардын окуясынан алда канча татаал, күйүттүү келип, трагедиялык рух күкүктөп аккан агындай чамынып турат.
Семетейге ымыркайынан эле кастык араң көкөлөй ээрчиген, ал хандык так талашуучулардын бутасы болуп калган. Бирок ал эч качан башын калкалап калбады, кадыресе, оро-пара күрөшкө аттанып, чыккынчылардын катыгын кашкайта берди. Атасынан калган кырк чоро Семетейди ээрчибей качканда, ошол кырк чоронун баардыгын өз колу менен мойсоп таштады. Ал өзүнүн билек тору менен элге таанылып, элге ээ болуучулук укугун колго алды. Ал Күлчоро менен Канчоронун ээк тогу аркасында көптөгөн жерлерде сайышка чыгып, элди алсыздыктан каруулулукка сөөмөлөп, калктын душмандагы кегин алып берди. Калмактардын төрөсү Коңурбайды сайып ата кегин алды. Семетей ашкан баатыр, бирок кемтик жерлери да жок эмес. Семетейдин көңүлү ашкан айкөл, бирок энөө келип кишилерге оңой ишенип алмайы бар. Кан жутуп күнүлөгөн аялы Чачыкей чоросу Канчоро менен тымызын шайкелең болуп алып, аны кастап өлтүрүүнү ойлоп жүрүшкөн кезде да, кенедей туйбай жүрө берет. Канчоро кас колун салууга камданып, Семетейди ээндетип, атасы Манастын күмбөзүнө назир-чырак кылып келебиз деп көндүрүп алат, ал жорукту энеси Каныкей менен аялы Айчүрөк туюп, канчалык жалбарып айтканына көнбөй, Канчорого бек ишенгенинен жазбай коёт да, Канчоронун тузагына түшүп берип, өзүнүн чоросунун колунан кастык менен каза табат. Даңкы далайга кеткен Семетей баатырдын мына ушинтип өз чоросунун колунан өлүшүн ашкан күйүттүү, шорлуу трагедия деп айтпаска болбос. Семетей тарыхы эпос «Манаста» трагедиясы каңырыкты түтөтүп турган бир бөлүмү болуп эсептелет.
«Манастын» башка урпактары да шорлуу мажыраны башынан кечирет. Эпостун алтынчы бөлүмү (6-урпагы) болгон «Асылбача-Бекбачанын» башкы каарманы болгон Бекбачада кыргыздардын бейпил турмушун коргоо үчүн өмүр бою жаны жай таппай оторчулар менен салгылашып өттү. Чапкынчы жоону кайтара кубалап, бүткүл Азияны тепчий кезип өттү. Ал «Ыңаа» деп жерге түшкөндөн сакалы агарганга чейин ат жалынан тайбады. Жусуп Мамай 1964-жылы айткан «Манас» эпосунда, Бекбача баатыр узакы жылдары жоо менен сайышып жүрө берип, аял алып, үй-жайлуу болууга буямы жетпеген экен. Бир кезде качкан жоону Каңгайга чейин кубалап барып, ардык алып өргөй калганында, калмактын бир сулуу кызы менен бир үйдө туруп калган экен, Бекбачадан кийин ал кыз эгиз уул көрүптүр: Бекбача 90 жаштын белесине жеткенде кыргыздар бир кыйла бейпил турмуш кечирип калганда санаасы тынып, ата конуштан аттанып чыгып, кум чөлдү кезип, баякы калган аял-балдарын издеп Каңгайга барган экен. Бирок ал аялы оопасыздык кылып, балдары менен бирге арамсанаа ойлоп, Бекбачанын кымызына уу салып ичирип жиберет. Бекбача карылуу болгондуктан, ал ууга дароо эле өлүп кетпейт, денесин уулап кетип, Бекбача котур болуп кетет да, ата-журтту көздөй кайтып келе жаткан жолдо сөйкөнбөгөн терек, өйкөнбөгөн бурчук таш калбайт, өйкөнүп-сөйкөнүп жатып эти эзилип, сөөгү кашкайып чыгып түгөнүп, ошол жолдо ааламдан өтөт[4]. Бул ат үстүндө, жоо бетинде өмүрүн өткөргөн баатыр жоонун айбалтасынан өлбөй өзү сүйгөн ургаачы менен өз денеден болгон балдарынын колунан өлдү. Бекбачанын өлүмүнө ар кандай адамдын өзөгү өрттөнөт.
Эпостун 7-бөлүмү «Сомбилекте» башкы каарман Сомбилек баатыр оторчуларга каршы салгылашууда оор жарадар болуп жатканда жоо аёосуз жапырып келип найзалап кетет. Сомбилек ошентип кырчын кезинде боорду эзген күйүт менен ааламдан өтөт. Сомбилек баатырдын баласы Чигитей эпостун 8-бөлүмү (8-урпак) болуп айтылат. Ал да башын канжыгасына байлап коюп, жоо менен салгылашат, бирок минген аты чылбырына чалынып жыгылып, баатыр аттан кулап түшөт да, жоо колунан оор жарадар болуп, бактына каршы ааламдан өтөт.
Манастын урпактарынын баардыгы ашкан баатырлар. Алардын тамырында Манас баатырдын каны агып турат, алар Манаска окшош эле кыргыздардын жер бетинде эл болуп туруусун кайтаруу үчүн жеке салгылашуулардан талыкпай, жан тынымсыз күрөш жасап өтүштү. Алардын өмүрү кастарлуу, өлүмү кадырлуу, алардын чеккен машакатына, бактысына каршы курман болгондугуна угармандардын жүрөгү сыздап, баатырларга болгон боор эти тартып, жоого болгон кеги ого бетер курчуйт. Манаста башкы каармандардын трагедиялуу аякташы бул эпостун негизги идеясынын зоболосун көтөрүп, эпостун касиетин сүрдөнтүп, айбарлуу көрсөтүп турат.
- Манастын сегиз урпагынын элге кылган жумушу бүткүл эпостун кежиси болуп турат. Ал эми бул сегиз урпак башкы баатырлардан бөлөк дагы эпосто бир муунча ашкан баатырлардын, чоролордун образы жаралган. Мунун ичинде көптөгөн чоролордун кылган кызматы кастарлуу, өлүмү нарктуу болуп өткөн. Алар даркан мүнөздүү, өмүр жолу, башынан кечирген мажыралары трагедиялуу болуп адамдардын көөдөнүнөн чыккыс орноп, эч качан унутулбайт.
Алмамбет баатыр Манас менен эмчектеш тууган болушкан, ал эпостун биринчи бөлүмүндө Манас баатырдан кийинки эле орунда турат. Алмамбеттин тек-жайы кытайлардын төрөсү (кидандардын ханы) болуп, ал төрөлүк орундан кечип, казак ханы Көкчөгө келип кошулат. Анын акылы жетик, билеселүү, колунан бардык иш келе тургай жөндөмдүү адам. Ал ыкласы менен казак эли үчүн жумуш кылып, казак элинин байып, мал-жаны арбып, бейпил тиричилик өткөрүүсүнө көп кызмат өтөйт. Көкчө хан аны билерманы кылат. Казак эли аны камкорчу санашат. Бирок казак ордосуна андай эле көрөр көз болуп кеткенине казак бектери[5] кызганышып, Алмамбеттин үстүнөн ушак таратышып, Алмамбет менен Көкчөнүн аялы Акеркечтин арасына так тийгизишип, аларды курулай жаманатты кылышат. Бул ушак кызганчаак Көкчө хандын кулагына жеткенден кийин, казак эли үчүн он төрт жыл кара жанын как уруп адал кызматын кылган бул чоросун Көкчө хан казак аймагынан кууп чыгат. Алмамбет жападан-жалгыз, көз кайкыган тоонун арасында, ээн талаада сабылып башы ооган жакка сапар тартты. Ал хандык тактан кечип, киндик кан төккөн жерин таштап, казак элине келип кошулганда башын мааналарга жери жок, ээн талаада каңырып калаарын оюна да алып көрбөгөн эле. Анын арманы ичине жык толду, көзүндө жашы каканактап баратат. Алмамбеттин арманы тарыхый эпос «Манаста» өтө муңдуу бир тароо болуп айтылат. Манас Алмамбетти аңсап жүрчү, ал аң уулап жүрүп, санаркап келе жаткан Алмамбетке жолугуп өтө кубанат.
Манас баатыр Алмамбетти өзүнүн үйүнө алып келет, энеси Чыйырдынын эмчегин экөө тең ээмп, эмчектеш тууган болушат. Мына ошондон тартып, экөө кан майданга бирге кирип, аң уулоого бирге чыгып, кыргыз элин орток башкарып калышат, Чоң казатка жөнөгөндө Алмамбеттин жолдун уусун жакшы билгендиги жана көп тилде сүйлөй ала тургандыгына карай Манас аны жети хандын төбөсүнөн башкара турган, бүткүл Чоң казаттагы черүүнү башкара турган хан кылып шайлайт. Алмамбеттин жөндөмүн Манас кадырлап, аздектеп иштеткенине башка чоролор курсактарын көптүрүп таарынышат. Алмамбеттин кытайдан келип, буруу улут болуп туруп хандык мансапка отурганына башкы чоро Чубак аябай нааразы болуп, жолдо Алмамбетти өлтүрмөкчү болот. Алмамбет өмүрүн кыргыз элине атаган ак жүрөк болсо да ишенчилик менен акдар түшүнүккө ээ болуу быякта турсун, кайра таарынычка, өчөгүшкө кабылып, аябай мүңкүрөйт. Кайдадыр бир башы оогон жакка качып кеткиси келет. Бирок Манас баатырдын айкөлдүгү менен кыргыз элине болгон өзүнүн тилегин, чоң казаттын түпкүлүгүн ойлоп, пейлинен жанып демейдегидей эле ыкластуу болуп, башка чоролор менен биргелешип, Чоң казаттын жеңишине жетет.
Манас жоонун тымызын кастыгына кабылып, башына ууга малынган балта урулуп, оор жарадар болуп калган кезде, Алмамбет бүткүл жантелин арнап, Манастын көзү тирүүсү боюнча жоонун арасынан чыгып, ата-журтуна жетүүсү үчүн кандуу салгылашып жанын курман кылат. Ал жанын, канын арнап отуруп кыргыздын баатырын коргоду. Кыргыз эли Алмамбеттин ак жүрөктүгүн, адал жумушун кастарлап, анын сөөгүн нечен миң чакырым алыскы кыргыз жергесине алып барып, кыргыз топурагына койду. Алмамбет өмүрүндө азап-тозокту аябай тартты, өлүмү да нарктуу болду. Ошого Алмамбеттин арманына, анын шорунун арылбаганына адамдардын каңырыгы түтөп, өзөгү өрттөнүп, кайгырып калат.
Алмамбет Манаска өтө ак жүрөк чоро болгон, анын баласы Күлчоро да Манастын уулу Семетей баатырга ак жүрөк чоро болду. Күлчоро менен Канчоро кичинесинен Семетейди ээрчип, баатырдын оң кол, сол кол жөлөгү болуп келди. Ал үчөө киндиктештердей кайда барса бир болду, кандуу майданга чогуу кирип, элге жумуштарын аябай өткөрдү. Күлчоро атасын тартып ак жүрөк, акылдуу, бардык иш колунан келген, атасына бакканды да өтө жеңишке жеткен, кандуу майдандан тайманбай сайышууга кирген, беттешкен жоодон тайбаган кайратына душмандары да тан берген баатыр болгон. Айтарлуусу Күлчорого да арылбаган шор жармашты. Күнүгө бирге жүргөн, кол кармашып бирге өскөн Канчоро капилеттен чыккынчы чыкты. Ал Семетей баатырга кастык жасагандан бөлөк Күлчорого да уу тырмагын малды. Күлчоронун далысын суурутуп алып, майып кылды. Канчоро хан такка чыккан соң Күлчорону кул кылды: ага мал кайтартты, денесин эзип, жүрөгүн кордоп таштады. Мына ошентип, Алмамбет менен анын уулунун ак адал жумушунун майнабы алардын трагедиялуу (шорлуу) өмүр баянын «Манас» эпосунда кыйла арбын баяндаган. Ырас, алардын шордуу таржымалы, кайгылуу өлүмү алардын образындагы трагедиянын кунарын көтөрүп кана калбай, бүткүл эле эпостогу трагедиялык кунардын өзгөчөлүк өңүн ого бетер жаркыратып көрсөтүп турат.
Жүз жаштан ашуун жашаган Жамгырчы дөө Манас баатырдын абасы. Калмактар калкылдаган кол менен; Таласка жапырык жасап кирип, Семетей баштаган бардык чоролор жарадар болуп, кандуу майдан кала баштаганда, кандуу майданга өзү кирип, соңгу өмүрүн кыргыз улутун коргоо согушуна арнады. Ал кандуу майданга чыкканда уулунун жоого сатылган чыккынчылыгын көрүп, каарланганынан жанында турган чынар теректи түбү менен жулуп алып, баласын өз колу менен жыга чаап сулата берет. Чынары канга чыкталып, бутактарынан кан шорголоп агып чыгат, Жамгырчы дөө Жубатай менен болгон кандуу салгылашууда күч-кубатын бүт шыпкай жумшап, суудай аккан канга сулай жыгылат. Мына мындай атасы баласын жыга чаап өлтүрүп, анан ата-бала тең өлгөн кайгылуу кан майдан эпосто сейрек кезиккенине карабай, адамдарды терең кайгыга тартып турат. Жамгырчы дөөнүн элге болгон ыкластуулугу менен чыккынчы баласын жыга чапканы, өзүнүн өлүмүн нарктуу кан майданга арнаганы (үйдө жатып өлбөй) угармандардын өзөгүн өрттөгөн кайгы эле болуп калбай, эл бул акыйкатчыл адамдын арбагына таазим этип, кадырлайт.
Калмактардын чапкынчылыгына каршы салгылашууда карт баатырлар жанын нарктуу курман кылды, жаш баатырлар кырчын жанын эл үчүн кыйды, кыргыздар ошентип сандаган чыгаан баатырларынан айрылды. Көптү көрүп, көптү билген Бакай хандын баласы Байтайлак жаш, сүйкүмдүү, баатыр, тайбас чыгып, көп жолу кан майдандан оорак алып, калайык-калктын кадырманы болуп калган эле. Калмактар менен болгон каарлуу салгылашта өзү сайышка чамынып чыгат. Шоруна жараша оң колун жебе көзөп өтүп, колундагы балтасы шалк түшүп кетет да, жоо Байтайлакты камынтпай мойнун айбалта менен кыя чаап кетет. Бакай чал баласынын денесин бир бөлөк, башын бир бөлөк кылып Күлчоронун өңөрүп келгенин көрүп, «көзүнүн жашы көл болуп, сакалы ылдый жаш кетип, шалдырап мууну бошошуп, шалпыйып Бакай шай кетип», күйгөнүнөн кара көздөн кан аралаш жаш кетип ыйлайт. Бул жоктоо ырын уккан адамдын азат бою зыркырап турат. Муну эпосто мындай айтат:
Кайгысына Бакайдын, Карагай-калың тал ыйлап.
Өчпөскө бүткөн күн ыйлап, Өсүп чыккан гүл ыйлап,
Өз жат дебей баары ыйлап.
Токтоно албай тоо ыйлап.
Адыр ыйлап, жер ыйлап.
Аккан тунук суу ыйлап.
Айдың көлдө куу ыйлап.
Алты сан кара көп ногой.
Катын, эркек бул ыйлап. Элдин баары чуркурап, Эси кетип буркурап[6]…
Ошентип, кырчындай жаш баатыр элди коргоо, мекенди коргоо ыйык согушунда каңырыкты түтөтүп, жанын курман кылды. Кеменгер Бакай хан жалгыз уулунан айрылганына өзөгү өрттөнүп сыздады, жер бетиндеги жан-жаныбарлардын бардыгы, кыргыз жергеси бүт курман болгон баатырга каңырыгы түтөдү, жалгыз уулунан айрылган Бакай чал менен кошо өксүштү. Кишилердин өзөгүн өрттөгөн мындай күйүттүү көрүнүш башка эпостордо чынында эле кем жолугат. Германиялык окумуштуу Карл Ясперстин мындай айтканы бар: «Ырда трагедиялуу тааным ошонун негизги идеясын өзөктүк каражат менен камдап келет; өтмөкөйгө өтүп турган трагедиялуу окуялык болгондо гана ошол иштин бизге төтө таасир этип жатканын сезине алабыз, кадыресе, дүйнөдөгү коогалуу иштер менен апаттардын бар экенин туюна алабыз. Согуштан трагедия чыгат, «жеңиш менен жеңилиштен трагедия чыгат, арамдык карамдыктан трагедия чыгат. Трагедия адамзат акыйкатты көшөрө кубалаган жалтанбас кайратынан дапдаана көрүнөт»[7].
Трагедиялык тааным, трагедиялык жыт «Манас» эпосунда аябай аңкып турат. Трагедиялык окуя, трагедиялык көрүнүштү сүрөттөө эпосто өтө олуттуу орунду ээлеген. «Манас» эпосундагы трагедиялуу баатырлар менен трагедиялык окуя эпостун трагедиялык наркына аябай үстөк болуп, эпос залкар көркөм өнөр күчүнө кирип отурат.
- «Манас» эпосундагы трагедиялык баатырлар кыргыздын тагдырына бүткөн, кыргыз эли аларды урматтайт жана кадырлайт. Ал улуу адамдар тарткан жабир, азап, кадыресе, бактысына каршы өлүм, кыргыз элинин каңырыгын түтөтүп, жүрөктөрүн сыздатып таштайт. Эл ичинде манасчылар баатырлардын тарткан азабын, баатырлардын «өлүмүн айткан кезде манасчынын өзү да муңканып, жашып көзүн жаштайт. Ал эми угармандардын жашыктары эчак эле ыйлап, Манас угуп жаткан соорун кайгымуңга каптала түшөт. Эпостогу баатырлардын тагдыры угармандардын жүрөгүн сыздатып, баатырлардын жан кыярлык менен трагедиялуу бүтүшү алардын жүрөгүн эзип жиберет.
Манас жандуу таасир эте турган формадагы эпос болгондуктан, ал эл ичине таралууда күчтүү трагедиялык наркынын өзү көрүнөт.
Трагедия – асем өнөр үзүрүнүн бир түрдүү бөтөнчө формасы, мында айта кете турган нерсе, кандай эле бир бактысына каршы курман болгонду же кайгылуу окуяны жазган көркөм чыгарманын бардыгы «Манас» эпосуна окшош өзөктү өрттөгөн трагедияны ача бербейт. Анын себеби «Манас» эпосу трагедиянын өзөктүк өзгөчөлүгүн таамай тапкан.
Трагедиянын биринчи өзөктүк өзгөчөлүгү – трагедиялуу кейипкерлер сөзсүз жагымдуу сапатка ээ болушу, алардын сөз аракети кадырлуу болушу керек. Көрсө, Манастагы трагедиялуу баатырлар мейли Манастын урпактарынан болгон баатырлар болсун, же ал баатырлардын жанында бирге жүргөн чоролор болсун, бардыгы кыргыздардын жер бетинде эл болуп турушун, алардын өз алдынча журт болуп калышын коргогондор, кыргыздардын бактысын, бейпил жашоосун кайтарып, чапкынчы жоо менен жан аябай салышкан баатырлар болуп эсептелет. Алардын бардыгында жагымдуу сапат бар, алардын аракети дурус, кадырлуу, улук болуп баяндалат. Алар кыргыздардын талыкпас, чалыкпас кайратын, жеңишчил баатырлыгын, акыйкат кууган улуттук мүнөзүн жан-тени менен көрсөттү. Кыргыз элинин тынчтыкты, бейпилдикти каалай турган жүрүмүн көрсөттү. Как ошол кээ бир окумуштуулар айткандай: «Алар ошол коомдун тарыхый өнүгүү багытына негизинен байма-бай келип, калайык калың журттун тагдырына талапташ элдин азап-тозогуна күйгөндө анан биздин каңырыгыбызды түтөтүп, күйүтүн тарткыза алат. Ошого, чыныгы трагедиялуу кейипкер кээ бир жактардан аздыр-көптүр өзгөчө учурлардагы калайык-калктын рухуй мүнөзү, ой-санаасы жана башка жактардан жагымдуу сапаттагы кейипкерлерден болот»[8].
Трагедиянын экинчи түпкү өзөгү – трагедиялуу кейипкерлер шорлуу келип, машакат чегет жана ойрон болуп жоголот. Трагедия адамдын өмүрүндөгү трагедиялык ыкманы бойлоп келип, көркөм жапсарлуу күйүттү, кайгылуу жүрөк сезимди айтып турса анан, көркөм жапсар трагедия сай-сөөктү сыздатып чыгат. Эгерде шордуулук, машакат жана ойрон болуулар болбосо, трагедия да болбойт. Арийне, трагедиялык кунардын да өнүмү жок болот. Мына ушул туркудан айтканда, трагедиялык кейипкерлердин шордуулук өмүр жолу менен өлүмү трагедиялык кунарды ача турган өтө зарыл бир шарт кептенет. Бирок мында эске ала турган нерсе, каармандар эгерде табийгы апааттан же кокустуктан болгон окуядан машакат чегип, өлүмгө чалдыкса да кишилер кайгырат, анткени менен андай машакат жана өлүм дегеле трагедиялык кунардын маңызына көтөрүлө албайт. Тек бир каармандын аракети акдар болуп, адамзат коому менен тарыхый өнүгүү талабына жараша тарыхтын капшытына кабылып, душман жактын каруусуна кагылып майып болсо, же жабыр тартып ошондон өлүп кетсе, мына ошол тарткан машакат, ошондой өлүм анан трагедиялык кунарлуу маңызга көтөрүлөт, ошондой каарман анан трагедиялуу каарман болуп аталат.
«Манас» эпосундагы трагедиялуу баатырлардын баардыгы өз алдынча шордуу өмүрдү башынан өткөрөт, алардын бардыгы машакаттын тегирменине майкандалып чыгат, көп сандуусу өзөктү өрттөгөн кайгылуу өлүмгө кабылат. Алар тарткан андай машакат өтө кадырлуу машакат, алардын андай өлүмү залкар өлүм болуп, терең коомдук маңызга жана трагедиялык эстетикалык маңызга ээ.
Мында айтып коё турган нерсе, «Манас» эпосундагы баатырлардын трагедияга кабылышы жана трагедиялуу бүтүшүнүн себеби жапжалгыз эле эмес, кемдегенде төмөнкү үч жагдайга чогултуп айтууга болот: биринчи, жоо менен беттешкенде жоонун күчү алда канча күчтүү, абдан айлалуу, кыйын ыкымдуу келип, дегеле чак келе албай калган жагдайда баатырлар кырсыкка чалдыгат жана накай трагедиялуу бүтөт. Маселен Манас баатырды душман амалдап жарадар кылып, ааламдан өттү. Алмамбет, Чубак, Сыргак Манасты коргоодо күчтүү душман, түгөнгүс кол менен салгылашты, соңунда айлалуу мерген атып салды. Андан Жамгырчы дөө, Байтайлак баатырлар да как ошондой кырдаалда түгөдү. Экинчи, өздөн чыккан бузуку чоролордун чыккынчылыгы менен да баатырлардын шору кайнады. Мисалы, Семетейге ымыркайынан эле чоң атасы, абалары арамсанаа ойлоп кастап жүрдү. Кийин өзүнүн чоросу Канчоро чыккынчылык кылып баатырды мертинтти. Бекбачаны көрсөк, өзүнүн аялы, өз канынан бүткөн балдары кастап мойсоду. Үчүнчү, баатырлардын өзүндөгү айыптары менен жаңылыштыктары да өздөрүнүн трагедиясынын болушуна себепчи болуп келди. Алып көрсөк, Манас чоң казатка жүрөр алдында кереметтүү аялы Каныкей ушул жолку жүргөн сапарда бир шойком болорун туюнуп, күйөөсүнө согуш бүткөндөн кийин эле токтоосуз дароо кайтуу керектигин, аялдап тура бергенде бир шойком болоорун какшап айткан. Ал эми Манас эмне болду? Коңурбайды жеңди, жеңиштин оорагына оолжуй калды да, аялдын айтканы мээден көтөрүлүп, укукка, хан такка, шаан-шөкөткө маашыркап, энөөлүк кылды, анан өчүккөн жоо мертинтти, как эле аялы айткандай болду. Семетей баатыр атасы Манаска окшоп өз билгенинен кайтпай туруп алып болбогону менен, өтө эле энөө келип, бирөөгө өтө ишенип кетмелиги бар, ошого кол кармашып бирге өскөн чоросунун чыккынчылык кылаарын кабарына албайт. Ал тургай көп эле жерден чыккынчылыгы чубалып турса да, Семетей эч кандай аңгарбайт. Канчоро кара жүрөктүгү менен Семетейди жалгыз Манастын күмбөзүнө наазыр кылып келүүгө ынатып алганда энеси, аялы шектенип, Семетейге жалбарып туруп айтса, ургаачылардын ар дайым курулай күйпөлөктөнө бермеси эмеспи деп санайт да, жүрө берет, соңунда кастыкка кабылып мертинет. Баатыр теги тукумунан ноюбас энөө, телегейи тегиз болушу кемдекем болот. Илгертен ушул эмгиче, кытай жана чет элдик окумуштуулардын баарында трагедиялык каармандар бир айыбы бар баатырлардан, жаңылыштыгы кеменгерлерден болуп, бардыгында мына ушундай мүнөз болот дешет. «Манас» эпосундагы трагедиялуу баатырларда да как ошондой мүнөз бар баатырлар эсептелет.
Трагедиянын үчүнчү негизги өзгөчөлүгү – чыгармада трагедиялык кагылыш болуусу талап этилет. Кагылыш болбосо трагедия да болбойт. Трагедиялык кагылыш тегинде адилеттик күчтөр менен адилетсиз күчтөрдүн кагылышы болуп, бөтөнчө тарыхый шарт алдында адилеттик күчтөрдү адилетсиз күчтөр басмарлаган кезде трагедиялык кагылыш келип чыгат. Гректин айтылуу трагедиясы «Каамыт салынган Прометей» мифинде трагедиялуу каарман Пуломшуста каршылык каруу кайтаруу руху болуп, ал адамзатты кызуу сүйөт да, арбактардын падышасы Жостун каарлуу каруу менен адамзатты тукум курут кылып жиберүүсүнө каршы болот, ал ошондой жамандык куяны мойнуна алып отуруп, адамзатка жаратылыштык от жеткизип берет. Ошол кылганына Жос адам чыдагыс оор жаза берип, аны Кавказ тоосунун чокусуна мыктап коёт. Адилеттик менен күчтүү укук зордукчулук ортосунда кагылыш болду, соңунда адилеттик күчтүү трагедияда трагедиялык кагылыш келип чыкты. Мына мындай байкаганда, трагедиялык кагылыш мындай эки түрдүү каражатты кымтып турат экен: адилеттик күчкө өкүлдүк кылган каршылык болуш, каршылык көрсөтүүдө адилеттик күчтүү кара ниет күч басмырлап турат экен. Мына бул экөөнүн бирөө кемип калса болбойт. Каршылык трагедиялыкка кагылышта өтө олуттуу орунда турат, каршылык болбосо, кагылышта болбогон болоор эле, кагылыш болбосо, ал трагедия да болмок эмес. Трагедиялык каармандыкта трагедиялык каарман болуш үчүн тагдырынан тайсалдабаган, кара ниет желмогуздук күчтөн тайманбаган, каршылык көрсөтүү кайрат болуу керек, айтмак, каршылык көрсөтүүдө адилеттик жаман кара ниеттикти жеңип чыкса, анда трагедия дегеле болуп отурбайт. Ошого, адилеттик менен кара ниеттик күрөшүндө адилеттикти кара ниеттик басып түшкөндө анан трагедиялык кагылышуунун негизи жаралат деп эсептелет.
«Манас» эпосунда Манас баштаган кыргыздардын баатырлары адилеттик күчкө өкүлдүк кылып, улуттун мүдөөсү үчүн түрдүү кара ниет күчтөр менен тайсалдабай, тайыбай салгылашып, кара ниеттик күчтөрдү басмырлашы менен баатырлар машакат тартып, азаптуу күндөрдү көрдү, соңунда жандарын курман кылды. Мына мындай трагедиялуу бүтүүнү Энгельс мындай деп айткан: «Тарыхтын болумуш талабы менен ал талаптын иш жүзүнө чыгуусуна мүмкүнчүлүк болбогондо трагедиялык кагылыш болот»[9]. Германия окумуштуусу Карл Ясперс жаңы жана көөнө эки түрдүү күчтөрдүн арасындагы күрөштө бир трагедиялык алкак жатканын баамдап мындай айтат: «Жаңы жосун кылайып көрүнө баштаганда, көөнө жосун баягы эле боюнча тура берген болот, ага бет орой көөнө тиричиликтин каршыма күчү менен ички түйүлгөн күчү али жоюлбаган боюнча турган, ага жаңы жосундун күжүлдөгөн күчү жапырып кирүүсү менен соктугуп, тумшугу майтарылып турат. Мына ошол өтмөлүк жагдай трагедияга алкак болуп калат». Тарыхта кастарлуу каармандар мына ушул мааниден трагедиялуу каарман болуп, алар жаңы идеяны урунуп, жаңы максатка жетүүдө жандарын тартуулаганына кайгырбай кете берди. Ошого баятан айткан окумуштуу да көөнө жосун кайрадан жанынын барынча күчүн түйүп, алынын жетишинче кыйратып алат. Мына ошогон соктуккан каарман жаңы тирчилик жосундун биринчи кастарлуу кейиптери болуп калат. Жаңы жосун жиреп өткөндөн кийинки трагедия эсептелбейт да, ал олжого ээ болгон болот»[10]. Манас менен Пуломшустар жаңы тирчилик жосундун биринчи кастарлуу каармандары болуп, алар соңгу жанталашуудагы түйүлгөн көөнө күчтөр жагынан кыйрады, бирок алардын жалтанбас баатырлык руху, алардын айкөл мүнөзү менен күчтүү каармандык руху түбөлүккө бурчулбай жүрө берет.
Жыйнактап айтканда, Манас трагедиялык өзгөчөлүгү өрнөк боло турган тарыхый эпос экенин көрүп отурабыз. Мына ушул эпос трагедиянын түпкү өзгөчөлүктөрүн бир кыйла өрнөктүү көрсөткөндүктөн, күчтүү трагедиялык кунары аябай ачылган.
- Бир залкар улуттук эпос бир улуттун маданият жөрөлгөсүнүн калыптанышына, бир улуттун көркөм мурасына жетишине өтө өзөктүү таасир тийгизет. Илгерки Греция эпосундагы трагедиялык кунардын өзгөчөлүгү жана эпостогу трагедиялык каражаттар Грециялык көркөм өнөрүнүн калыптанышы менен анын өнүгүшүнө байымдуу, ары түптүү пайдубал болуп берди. Ал эми «Манас» эпосундагы трагедиялык кунардын өзгөчөлүгү кыргыздардын кийинки элдик адабияттарынын жалчышына, болуп дагы, эпосчулугу менен дастанчылыгынын күч алышына аябай зор таасирин тийгизген.
«Манас» эпосуна удаа кыргыздар арасына кеңири жайылган, таасири өтө зор болгон дагы бир баатырлык эпосу «Курманбек» болуп, бул дагы трагедиялык кунарлуу баатырлык эпос болуп эсептелет. Анын баш каарманы Курманбек да Манас баатыр сыңарындай кыргыздар чапкынчылардын багындысы болуп, иттин күнүн көрүп жаткан жагдайда туулат. Калмактар Курманбектин жергесин ээлеп, малчылардын малын тартып алып жаткан. Курманбек элин баштап, каруулуу душман менен кандуу сайышып, бир нече жолу душманды кууп чыгып, жерин бошотуп, уруусунун жана кыргыздардын амандыгын коргойт. Жоо жеңилгенине моюн бербей, кылкылдаган кол жыйнап келип кыргыздарды курчап алат. Бул улуттун уюткусу какшый турган кыйын жагдайда арам ойлуу малкор атасы анын жоо бетине чыгуусун тозуп, миңген атын байлап алып бербей коёт. Баатыр жакшы атынан айрылып, канатынан айрылган куштай болуп калат. Курманбектин кырк чоросу барып ат сурайт, бирок ат бермек тургай атасы каргап кууп чыгат. Ошондон таарынган кырк чоросу Курманбекти ээрчип, жоо бетине чыкпай коюшат. Курманбек жападан жалгыз чабал ат менен кылкылдаган жоо колунун алдына оро-пара беттеше чыгып, башын байлап туруп, керемет баатырлык менен жоонун канын суудай агызып, жоону кайра кууп салгылашат. Соңунда минген аты чабалдык кылып, чаалыгып калат да, аны туйган жоо кайра тартып келип, баатырды найзалап кетет. Ошентип, Курманбек кандуу майдандын курманы болот. Баатырдын аялы каарланганынан жоого бирге чыкпаган кырк чорону бүт кырып, өзү жарынып өлүп алат. Баатырга арам санаган атасын Курманбектин жан досу Аккан хан башын кесе чабат. Мына ошентип, бул эпосто Курманбек баатыр, анын аялы, атасы жана кырк чоросу бүтүндөй өлүп, керемет трагедиялуу бүтөт.
Өмүр бою элге кызматын өткөргөн аял баатыр «Жаңыл Мырзаны» кыргыздардын чоңунан кичинесине чейин билбегени жок. Бул чыгармада адамдын сөөгүн сыздаткан, күчтүү трагедиялык кунарга ээ баатырлык дастан. Жаңыл Мырза кыргыздардын бир уруу башчысы болуп, ал кичинесинен эле эренче кийинип, ат үстүнө маш, чыйрак кыз болгон. Ал жаа тартканына жан туура келбеген адис мерген болгон. Ал черүү баштап нечен жолу каарлуу жоо менен салгылашкан. Акырганына жер силкинткен баатыр эле. Бирок анын өмүрү да шордуу өттү. Эки жолу жоонун колуна кармалып калды, бир жолкусунда Жаңылды жоо 70 жаштагы чалга катын кылып бермек болду, жана бир .жолу калмактар Жаңылды капас арабага салып, көчө айландырмак болду, бирок бул жоолукчан баатыр эч качан тагдырына мүңкүрөп калган жок. Эки жолку жоонун кара ниетин тең таш каптырып, кутулуп чыгып, кайра черүү баштап чапкынчыларга каршы күрөш жасайт. Бир жолу ал дарыя суусун малтап жүргөндө соодагерче жасанып алган жоо тымызын келип, Жаңыл Мырзага кастык жасайт, ошону менен баатыр кайгылуу ааламдан өтөт.
Мына ушуларга окшош трагедиялуу эпостор менен дастандар кыргыздарда бир кыйла бар, бирок жогоруда атап өткөн эки кенже эпостон, тарыхый баатырлык эпос Манастын кыргыздардын көркөм мурасына жетишине, көркөмдүк табытына жылжыган булактар таасир көрсөткөнүн, кийинки баатырлык эпостору менен баатырлык дастандарында трагедиялык кунардын жөрөлгөсүнүн калыптанышына төтөдөн-төтө таасирин тийгизгенин өтө таамай көрүп алууга болот.
Ар кандай улутта эле трагедия боло бербейт, ар кандай эпосто да трагедиялык кунар көрүнө бербейт. Мамлекетибиздеги үч чоң эпосту алып көрөлү. Заңзулардын эпосу «Гисар» менен монгулдардын «Жаңгыр» ырында кээ бир трагедиялык каражаттар болгону менен, бирок бул эки эпостун башкы каармандары Гисар менен Жаңгыр канча жолу жоо менен беттешкен кандуу майданга кирсе, ошончо жолу жеңишке жетишет. Аларда дегеле омкорулбас сыйкырдуу күч болуп, өмүр боюнча зор бактысыздыкка туш келбейт, күйүт, азап тартпайт, өлүм тагдыры аларга дегеле туш келбейт, алар бакты ачыктардын өрнөгү болот.
Аталган эки эпостун соңу жеңиш менен бүтөт, экөө үндөш келет. Гисар жин-перилерди жоготуп аман-эсен гана сулуу жарын колтуктап, кубаныч музыкасынын обону оболоп турган жарашык менен периштеси жетелеп бейишке жөнөп кетет; Жаңгыр да ар бир кандуу майданда жеңишке жетип, ар жолку жеңиши куттукталган көнүмүш жеңиш тоюнун зооктуу тамашасына батып кала берет. Жаңгыр Бомбай бейиш мамлекетин куруп түбөлүктүү жашай берет.
Мына бул үч эпосто кыргыздардын «Манас» эпосундагы баатырлардын бактысы шордуу келип, көптөгөн баатырлар өзөктү өрттөгөн кайгылуу өлүмгө туш болушат. Ал эми трагедиялык кунары ачылышы жагында «Манас» эпосу тиги эки эпоско бакканда эстетикалык табити алда канча жакын салыштырмада жатат.
Кыргыздар Алтай тил системасындагы улут болуп эсептелет. Алтай тил системасындагы улуттарда баатырлык эпос, баатырлык дастандар, баатырлык мифтердин көрөңгөсү абдан берекеттүү. Айтарлуусу, Алтай тил системасындагы көптөгөн улуттардын баатырлык эпосторунун соңу көбүнчө кабак-кашы ачык ойноп-күлүп, бейпилчилик менен бүтөт. Дүйнөгө айтылуу монгулдардын «Жаңгыр», «Гунган баатыр», «Хандын акылдуу баласы Шизто», «Ханказ-гүйлөрү»; түркү улуттарынын «Огузханнаама», «Алпамыш», «Кобурат» сыяктууларынын баардыгы жогоруда айткан маанайда бүтөт. Ал эми «Манас» эпосуна окшош трагедиянын негизги өзгөчөлүктөрүн таамай айткан, күчтүү трагедиялык нарктын кубатына жеткен залкар эпос, кебетеси, алтай тил системасындагы улуттардын көптөгөн баатырлык эпосторунда, чынын айтканда, өтө таңсык кезигет.
Трагедиялык чыгарма өнүкпөгөн чыгышта кандайынча Манаска окшош мындай бир көптөгөн трагедиялуу баатырлар, трагедиялуу окуялар бар? Курч трагедиялуу кагылыштар менен таасын трагедиялык ыргакта жубай келген баатырлык эпос жаралып калды? Эмне үчүн бул түрдөгү эпос кыргыздарда жападан жалгыз эле «Манас» эпосу болбой, ага удаалаш дагы бир мынча трагедиялуу кенже эпостору жаралат? Мындай бөтөнчө адабий кубулушка зор маани менен карашыбыз, тереңдей териштире изилдеп жана иликтешибизге арзыйт.
Кыргыздардын элдик адабиятында мындай бөтөнчө адабият кубулушунун калыптанышы көп жактылуу себептерден болгон түрү бар. Мында, кыргыздардын тарыхында туш келген трагедиялык шорун, анын эң башкы себептеринин бирөө деп айтпасак болбойт, албетте.
Кыргыздар Энесай дарыясынын жогорку алабындагы токойлуу тоо арасында түптөнгөн калк болуп, алардын ата-бабасы ошол жерде узаккы мезгил аңчылык жана көчмөн малчылык менен тиричилик өткөрүп жашашкан. 9-кылымга келгенде кыргыздар Уйгур мамлекетин кулатып, түндүк жак жайыктыкта Шагас мамлекетин куруп, түндүк жайыкта баш көтөргөн мамлекет болуп калган болучу. Кытайлар күч алды да, кыргыздарды багындырып, кыргыз жергесине кытайларга караган мамлекет курду. Кытайлар сооло баштаганда монголдор күч алып, кыргыздарды монголдор каратып алды. Ошентип, 10-кылымдан баштап кыргыздардын ооматы ооп, шору кайнай баштады. Алар эми кытайлар менен монголдордун камчысынан сеп ала түшкөндө, калмактар менен монголдордун капшабына калды. Нечен жылдап кыргыздар чапкынчылардын темир туягынын алдында кырча басылып, чабышуу, салгылашуу менен иттин күнүн көрүп келди. Айтмак, кыргыздар атам замандан бери эле каршылык көрсөтүүсүн токтоткон жок, алар кан майданда салгылашуудан тайган эмес. Мына ушундай бул улуттун башынан кечирген бөтөнчө мажырасы, тирчиликтин жылчыгын издеп тырмышкан шордуу турмушу кыргыздардын өжөр күрөш рухун жетиштирип, алардын кандуу майдандан жалтанбас улуттук мүнөзүн тасыктырып, жамактап айтсак жумушу түгөнгүс көптөгөн баатырларды жетилтти. Алар курман болгон болсо да, алардын баатырлык мүнөзү, алардын жоо бетинен кайтпас каны урпактан-урпакка уланып, кыргыздардын чапкынчы жоого каршылык көрсөтүүлөрү, кандуу салгылашуусу эч качан үзүлбөй келген.
Кыргыздар азап-тозокту аябай көргөн эл. Нечен жүз жылдап кыргыздар оторчулардын кордук-зордугун тартып» бөлүнүп-чачылып, жан-тыным таппаган коогалуу турмушта жашап келди. Бул турмушун кыргыздар мындай ырдап жүрүшкөн:
«Кырда чыккан кырк кайыңда так жокпу, Кылыч шилтеп, кыргыз балта чаппаган. Кырк атактуу өзөн-жылга, сай жокпу, Кыргындарда кыргыз каны акпаган».
Кыргыздарга улуттук трагедиясы, тиричиликтин трагедиясы сай-сөөгүнөн өткөн. Башына түшкөн оорчулукту кыргыздар ашынган тартипкөйлүк менен диний ишенимге сөөнүп, өзүн жубатып отурган жок, кадыресе чындыкка тике багып, тиричиликке бет орой келип, тагдыр талашуу, кан майданга тике кирип, кыргыздардын чыйрак рухун жана улуттун кан-жанына сиңген тууштуулугун көрсөттү. Ооба, кээ бир окумуштуулардын мындай айтканы бар: «Трагедия туюнта турган таңгаларлуу жана сырдуу жагдайлары бир түрдүү тартымдуу толкуган рух болуп эсептелет. Трагедиянын басар жолу эң эле татаал жол болуп, бир улуттун жашоо-тиричилигинин жарып жатышын белгилеп турат. Бир улут өтө татамал болгондо анан байым жыла алат»[11]. Мына бул тыянак кыргыздарга өтө төп келет.
«Манас» эпосу кыргыздардын машакаттуу мажырасын баяндайт. Кыргыздардын трагедиялык азап-тозоктуу күндөрдү башынан өткөрүшү бул эпостун трагедиялык курамына каражат болуп, кыргыздардын жалтанбас күрөшчүл руху, жан-канына сиңген тууштулугу бул эпосту трагедиялык рух менен камдаган. Трагедиялык кунар «Манас» эпосундагы эстетиканын эң зарыл өзгөчөлүгүнүн бирөө болуп, так ошол эстетикалык өзгөчөлүк «Манас» эпосун башка чыгыш элдеринин эпосторунан бөтөнчөлөнтүп, эпос элкин көркөмдүк кымбатка ээ болуп олтурат.
Кытай тилинен которгон: Макелек ӨМҮРБАЙ
[1] Калмактар – кыргыздар жана башка түркү тилдеш калктар батыш маңгулдарын, ойрот маңгулдарын калмак деп аташат (автор).
[2] «Аристотелдин поэзиячылыгы класстын ырчылык өнөрү», Эл адабият басмасы, 1988-ж, 9-басылышы, 19-бет. (Автор).
[3] «Классик көркөм өнөр назариясынан (теориясынан) котормолор жыйнагы» журналы, 1962-ж. 3-сан, 137—138-беттери. (Автор).
[4] Жусуп Мамайдын 1979-жылы айтканында бир топ өзгөрүүлөр болуп, окуялык окшобой калган. Анда баатыр кандуу майданда аңга түшүп кетип, аты куткарып чыгат. Акмаңдай сулууну алат да, андан Сомбилек туулат деп айтылат. (Автор) .
[5] Бек – түркү тилинде мансап аты. (Автор).
[6] Жусуп Мамай варианты. «Семетейден» (автор).
[7] Карл Ясперс: «Трагедиянын кудурети», Жумушчулар басмасы 1988-жыл. 30, 35–36-беттер (Автор).
[8] Шйи Дуңчаң: «Көркөмдүктү иликтеп», Шанхай көркөм өнөр басмасы, 1982-жыл, 389-бет (автор).
[9] «Маркс, Энгельс жыйнагы» 29-том, Эл басмасы, 1972-жыл, 586бет.
[10] 58-беттеги эскертүүгө караңыз.
[11] Жугваңчен: «Трагедиялык психология», Эл адабият басмасы, 1983-жыл, 232-бет. (Автор).
ТҮШҮНДҮРМӨ
ЛАҢ ЙИҢДИН КЕРЕМЕТИ
Бир кылымдан ашуун мезгилден бери «Манас» изилдөөнүн дүйнөлүк сересине чыгып «Манас» изилдөө чүлөрдүн эл аралык тобу калыптанды. Бүт өмүрүн Манастаануу илимине арнаган адамдар чыкты. Дүйнөнүн чыгышынан батышынча болгон аралыкта калың топ адам Манас аркылуу бир-бирине байланышып тартылып жүрүшөт. Ошолордун ичинде Лаң Йиң деген бир аял изилдөөчү бар.
Лаң Йиң 1941-жылы төрөлгөн. 1965-жылы Борбордук улуттар институту аз сандуу улуттар тил адабият факультетинин уйгур тили кесибин бүткөн. 1964-жылы практикалык үчүн 5 миң километрлик алыс жолду басып Кызылсуу кыргыз автоном областына келет да «Манас» аттуу сыйкырлуу бир чыгарманы кытай тилине которуу кызматына катышып калат. 1961-жылы «Манас» эпосун чогултуу кызматы башталып, ар улуттан куралган адабиятчылар үч ай ичинде Жусуп Мамайдан 110 миң сап, башка 20 манасчыдан жалпы 260 миң сап материал жазып алышат. Экинчи, иреттик толуктап текшерүү 1964-жылы 6-айда башталат. Бул барышта Ж. Мамайдан толуктап жазып алуу, башка варианттарды табуу менен бирге бул мурасты кытай тилине которуу милдети коюлат. Пазил Люфажүн, Шаңжижин (аял) Лаң Йиң, Сакен Өмүрлөр которуу кызматына баш-оту менен берилет. Лаң йиң барса келбестин ушул эпостук жолуна бир жолу түшөт.
1966-жылдан кийин «Манасты» жыйноо, которуу кызматына катышкандардын башына саясый калпактар кийгизип, кызматтан четтетилет. Артыштын ачуу аптабында күйүп-бышып, күндөп-түндөп жасаган ошол жумуштар майнап берген да жок, кайра токмок болуп башка чабылат. Он жылга жуук адамдар капилет түш көрүшөт, Лаң йиң ошол оор түштөн ойгонгондо дагеле анын эсине Манас келет. Кырчын кыз кезинде кызыккан, жаштык сезимин, акыл-күчүн арнаган нерсе оңой унутулбайт окшойт.
Мен ар дайым Манас менен адамдардын байланышы жөнүндө ойго батам. Кимде-ким Манаска аралашып калса, колу бир ирет тийген болсо сыйкыры тийгендей, шайтан азгыргандай өмүр бою бөлөк бөлүп кете албай, берилип тартылып жүрүшкөнсүйт. Мисалы: аскерий милдет менен Азияны кыдырган Шокан дагы, географиялык текшерүүнү максат кылган Радлов дагы, Радловдун жазып алган «Манасын» окуп калган каттоо дагы, андан башка Мухтар Ауэзов дагы, Раиса Кыдырбаева, Самар Мусаев, Хожинхуа Люфажүн, Шаңшижин, Лаң Йиң… дагы далайдалай адамдар Манас дегенде тамакайы так болот. Өмүр бою кол үзө албай өтүп жатышат. Лаң Йиң дагы ошол ойду ырастайт: «Манасты» окуган сайын, изилдеген сайын андагы трагедия, андагы эстетика, андагы маданияттык катарлар адам акылын аздырат, эпостор дүйнөсүндө Манасты түгөйү жок деп айтууга болот» – деген тамшанган ойду Лаң Йиңдин оозунан ар дайым угууга болот. Манаска болгон сүймөнчүк сезим, кумар Лаң Йиңдин көздөрүнөн билинет.
80-жылдардан кийин Лаң Йиң «Манас» жөнүндө ондогон илимий макала жазып жарыялады. Кытай жергесинде эпос таануу илиминин тереңдешине ээрчий Лаң Йиң дагы Манасты изилдөөнүн жаңы катмарларын ача баштады. 1980-жылы «Кытай элдик маданият сериясы» деген наам астында Лаң Йиңдин «Каармандык эпос «Манас» деген илимий эмгеги кытай тилинде басылып чыкты. Бул китеп кытай кыргыздарынын тарыхында мамлекеттик басмадан «Манас» эпосу жөнүндө кытай тилинде жарык көргөн алгачкы илимий китеп эле. Ошого улай эле Лаң Йиң, мамлекеттик «жетинчи беш жылдык» планга кирген «Манаска жоромол» аттуу көлөмдүү эмгекти жарыялады. 1981-жылы ички Монгол университети басмасынан жарык көргөн бул китеп «Манас» эпосун изилдөөнүн темпин жана деңгээлин он жыл алдына сүрдү. Аталган китеп жалпы баян Манастын жаралган доору; Манастын таралышы, өнүгүшү жана өзгөрүшү; Манасчылар эпостун мураскерлери жана жаратуучулары; угармандар Манастын жаны; Манастагы кейипкерлер; Манастын эстетикалык өзгөчөлүктөрү; Манастын баян курулмасы; «Манас» жана кыргыз эл оозеки адабияты; «Манас» жана түркий эл эпостору; «Манас» жана шаман маданияты деген он бир бап боюнча 41 тема астында берилген анализдерди, баяндарды камтыган.
Лаң Йиңдин «Манас» изилдөө өзгөчөлүктөрүн учкай айтканда төмөнкүдөй:
- Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, салтсанаа, ой-жүгүртүү, жүрүш-туруш жана мүнөзүн толук түшүнүү. Кыргыз элин чын-дилден сүйүү, «Манастай» улуу чыгарманы жараткан, сактап калган элге урмат билдирүү – Лаң Йиңдин изилдөө идеясынын кан тамыры. Ошол элди сүйбөй, кан-жанын түшүнбөй туруп ал элдин руху маданиятын, тарыхый табылгасын терең түшүнүү, изилдөө мүмкүн эмес. Чепкенин желбегей жамынган, «Манас» изилдөөчүлөр менен Лаң Йиң ортосунда асман менен жердей айырма бар. Ошого ал изилдөөсүнүн башатын «Манас» менен кыргыздын улуттук рухунун байланышын чечүүдөн баштаган. Кыргыздар үчүн Манастын мааниси эмнеде экенин абдан терең туйган.
- «Тирүү эпостор» теориясы Лаң Йиң изилдөөсүндөгү негизги өзөк. Эрадан мурун жана кийинки кылымдарда жазмага түшүп, оозеки өзгөчөлүктөн айрылган, өнүгүшү токтогон. «Өлүк эпостор» деп каралган грек жана орто кылым европа эпосторуна салыштырмалуу түрдө бүгүнкү күнгө чейин ооздон-оозго өтүп, эл арасында эркин кыймылдап жүргөн «Манас», «Жаңгыр», «Гесар» сыяктуу жүздөгөн дастандарды «Тирүү эпостор» категориясына киргизип изилдөө эпос таануудагы жаңы бир ачылыш болуп эсептелет. Лаң Йиң ушул ыкмадан кеңири пайдаланып, «Манастын» канча миң жылдык кыймылдуу барышын, өмүрүн, андагы орчундуу жаңылануу, өзгөрүү этаптарын, коом, доор, калың элдин «Манаска», «Манастын» бүткүл кыргыз оозеки маданиятына көрсөткөн таасирлерин абдан жүйөөлүү чечмелеген.
- Манасчылардын «Манас» эпосун сактап калуу жана өнүктүрүүдөгү барышын, ролун конкрет накылдар менен, кеңири салыштыруулар менен тактап чыккан. Лаң Йиң «Манаска жоромол» деген бул китепти жазуу барышында 60-жылдары кытай тилине которулган Ж. Мамайдын 200 миң сапка жакын, Эшмамбеттин 10 миңге жакын варианттарын өтө канык билгенден тышкары Шокан, Радлов, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай варианттары жөнүндө кеңири маалыматка эгедер болгон. Кытайда алгачкылардан болуп манасчылык жөнүндө арналуу изилдөө жүргүзгөн.
- Угармандардын «Манас» эпосуна болгон таасири жана кабылдоосунан турган бул тема мамлекет ичинде жана сыртында болсун анчейин изилденбеген, башы ачылбаган түйүндөрдүн бири эле. Лаң Йиң алгачкылардан болуп кабылдоо эстетика назариясынан (теориясынан – котормосу) пайдаланып «Манастын» таралыш барышындагы угармандардын маданият психологиялык курулмасын, нарк субъектисинин, таасир жана үнөмүн жанжактылуу чечмелеген.
- Лаң Йиңдин Манастаануу илимине кошкон чоң табылгаларынын бири – Манастын трагедиялык асемдик (эстетикалык) өзгөчөлүктөрүн кеңири изилдегендигинде. Лаң йиңдин карашынча болгондо «Манас» трагедиялуу эпос. «Манастагы» трагедиялык бийиктик дүйнөдөгү башка эпостордо аз кездешет. Манастын өлбөй-өчпөй эл жүрөгүн диркиретип, эрдик жалынын алоолонтуп, кылымдан кылым аттап келе жатышынын бир себеби – андагы улуу трагедиялык идеяда деген ойду Лаң Йиң бирме бир салгаштыруулар аркылуу далилдеп берген. Изилдөөчү курулай тыянактарды чыгаруудан оолак болуп, алды менен Манастын төрөлүшүнөн тартып баламаттуу өлүп кетишинче, анын урпактарынын, баатыр жоролору жана чоролордун тагдырына чейин, ата-бала, таяке-жээн, эр-аял, дос менен дос ортосундагы адамдык, коомдук, үй-бүлөлүк трагедиядан ышкы жоо, жаратылыштык, психологиялык трагедияга чейин болгон катармаларды конкрет мисалдар менен тактаган.
- Лаң Йиң Манастын эпикалык баян курулмасын кеңири изилдеген. Манастагы баян мезгили, баян мейкиндиги, баян тили жана баян ыкмасын манасчылык өнөрдүн бир катмары катары коюп, аткаруу өнөрүнүн практикалык кырларын жана сырларын чечет. Манасты ушул жактан изилдеген эмгектен кытайда Лаң Йиң аркылуу башталды.
- Лаң Йиң «Манасты» кыргыз мифтери менен, баатырдык дастан алп Манас менен кыргыз эл эпикалык дастандары, эл ырлары менен; Энесай таш жазмалары, түркү тилдүү элдердин эпостору менен салгаштырып, алардан орток матиптерди, орток тематикаларды, орток эпикалык жөрөлгөлөрдү изилдөөгө алган. Бул жагынан изилдөөчү Орто азиялык мамаңдардын жана дүйнөлүк изилдөөчүлөрдүн тажрыйбаларынан кеңири пайдаланып, эл аралык изилдөө натыйжалары менен мамлекет ичиндеги изилдөө түйүндөрүн биргелештирет.
- Манасты исламдан мурунку маданият дооруна коюп, Манас менен шаман маданиятынын өзөктөштүгүн, кыргыз тотем маданиятынын Манаста чагылышын караштыруудагы изилдөөчү өзүнө таандык ойлорду ортого коёт. Биз Лаң Йиңдин «Манаска жоромол» аттуу эмгегин учкай сөз кылганда дагы далай кызык идеяларды тааныштырбай аттап кеттик. Кытайдагы атактуу изилдөөчү «Манас» кызматына отуз жыл аралашкан, жетекчилик кылган Тавян мырза Лаң Йиңдин аталган китебин «Манас» эпосун изилдөөнүн бет ачар маршы – деп баа лаган.
Лаң Йиң «Манастын» Ж. Мамай вариантын кара сөз менен кытай тилине жазып чыгып, өспүрүмдөр үчүн арналган «Улуттук баатыр көсөмү Манас (1995) деген китебин чыгарды. Бул китеп «Дүйнөдөгү он чоң эпос сүрөт казынасы» деген сериянын бири болуп эсептелет. Андан башка Лаң Йиң «Кут даарытар илим жана чыгыш – батыш маданияты» аттуу орчундуу илимий эмгекти жарыялап чыгыш классик жазма дастандарын чыгыш менен батыш маданиятынын өтүшмө катмарына коюп, изилдөөнүн жаңы башатын ачты. Аталган изилдөөчү Жаңяңпиң менен авторлошуп «Кыргыз эл ооз адабиятынан баян» (1992) аттуу китепти кытай тилинде жазып чыгышты жана бирөө менен биригип «Алтай тил системасындагы улуттардын эпикалык адабияты жана шаман маданияты» (1990) деген китепти түзүп чыгарды. Көрүнүп тургандай Лаң Йиң айымдын түркологияга кошкон салымы орошон болуп, кытай эпос изилдөөнүн жаңы агымын жаратты. Ал дасыккан изилдөөчү эле болуп калбай шайдоот уюштуруучу. Анын төтөлөй кол салуусу менен 1990-жылдан бери карай «Манас», «Кут даарытар илим», «Он эки мукам» сыяктуу классик мурастар жөнүндө эл аралык, мамлекеттик жыйындар бир кыйла көп ачылды. Анын демилгеси менен 1995-жылы «Кытай Манас изилдөө илимий коому» курулуп мамлекеттик каттоодон өттү. Көзгө анча урунуп кетпеген, абдан мунайым, жүрүш-турушу сылык, ичинде эпостун толкуну жүрүп турган бул аял изилдөөчү 1995жылы августа «Манастын» 1000 жылдык мааракесине катышып, Таласта өткөн күндөрүнө, ошол майрамды көргөн көзүнө сүйүнүп, «Манаска» болгон махабаты ан сайын ашып, бирок дагы эле көзгө анча түшүп кетпей, мен жыргатып жатам – деп дууман козгобой эле «Манастын» китептерин, энциклопедиясын артынып кайтып келди.
Лаң Йиң азыр Кытай коомдук илимдер академиясына сандуу улуттар адабиятын изилдөө институтунун илимий изилдөөгө жооптуу директору, башкы адис изилдөөчү (профессорго тең) деген илимий атагы бар.
Лаң Йиң мындан ары «Манас» эпосу боюнча дагы да орчундуу эмгектерди жазуунун камылгасын көрүп жатат.
Төмөндө Лаң Йиңдин бир макаласы менен таанышып коюңуздар.
Мамбеттурду Мамбетакун.
НАСИРУЛЛА ҮРҮСТӨМ
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ КАБАРЛАШУУ АРГАЛАРЫ
«Манас» эпосу байыркы кыргыздардын коомдук кыймылын, турмуш тиричилигин камтыган залкар чыгармасы, баа жеткис энциклопедиясы экендиги баарыга белгилүү. Мына ушундай олчойгон энциклопедияны барактап көрө турган болсок, байыркы кыргыздардын коомдук кыймылдарын камтыгандан сырт, кат-кабарлашуу, үгүт жүргүзүү мифтик ишеним боюнча элди козготуу өңдүү байыркы заман учур толорунун өз заманында эле камтыгандыгын байкайбыз. Мен ушул макаламда эпосто байкалган акбараттык даректер жөнүндөгү учкай ойлорумду айта кетмекмин.
Эпостогу кабарлашуу башаттары
«Манас» эпосундагы кабарлашуу башаттар форма жагынан оозеки кабар берүү менен оозеки үгүт жүргүзүүдөн турат. Эпостун башында эле калмактардын бал ачып, төлгө тарта турган ыраңгүдүк «Ыстырлап» деген китептен «Кыргыздардан аты белгисиз бир баатыр туулат. Ал калмак тургайлык кытайды кошуп каратып, кылымга атын таратат, калмактан оомат качат», деп хандарына кабар айтат. Ал эми Жамгырчы менен Балта дөө «Ыстырлап» деген китеп барлыгын жакшы билишет. Алар өздөрүнүн кыйналып кор болуп жүргөнүн эске алып, эңсөө менен бир кызыл китепти ачып көрөт да «кыргыздан Манас деген баатыр туулат» деп, куш болушат. Демек, аталган баяндагы оң-тескери окшоштуктар кокусунан болгон эмес. Ал кандайдыр калмак, кыргыз элдеринин мифтик ишеним боюнча үгүт жүргүзүү ыкымынын бирдейлиги байкалып тургансыйт. Тагыраак айтканда «раңкүдүк» молдо алгачында, «белгисиз бир баатыр туулат» деп хандарына кабар айтса, Жамгырчы менен Балта дөө Манас деген баатырыбыз туулат, деп анык айтып үгүт жүргүзөт[1]. Жогорку мисалдардын мазмуну жагынан караганда, мифтик ишенимден туулган (кыргыздардын) арман, тилек, таянар рухи азгы экендиги байкалат. Жетмекчи болгон максаты жагынан караганыбызда кыргыз жеринин чаккынчы таптардын катуу басмырлап, кордук көрсөтүшүнөн улам туулган эркиндикке ынтылуу жагындагы үгүт кыймылдары экени анык.
Мындай үгүт кыймылдары ханзу жазмаларында да кеңири баяндалат. «Акбарат тарыхы» деген китепте байыркы замандагы эмгекчи элдин деңгээли төмөн болгон себептүү гезит өңдүү куралдарды жарыкка чыгара албаган, бирок, элди козготуу үчүн түрдүү үгүт кыймылдарын жүргүзгөн. Мындай кыймылдар элдин ошол кездеги таалими боюнча болгон.
Дегинкиси, элдик кошоктор иш ара (белги берүү) бал ачуу, (бакшылык) пикир козгоо сыяктуу үгүт кыймылдарын жүргүзгөндүгү, аталган үгүт кыймылдарында мифтик түс тыгыз ширетилгендиги айтылат. Мисалы: «Милададан мурдагы чын сулаласы доорунда (милаладан мурдагы 209-жылы) жиншиң, вугаң көтөрүлүшү болгон. Алар көтөрүлүш баштоодон мурда шайы кол жоолукка «жиншиң хан» деген жазууну жазып, балыктын ичине салып, балыкчылардын тор салып кармап кетүүсүн күтөт. Кишилер балыктардын ичинен «жиншиң хан» деген жазууну көрүп, жиншиңдин хан болушу, көтөрүлүш жасашы «теңирдин эрки менен болгон» деген сокур ишенимге келтирет. Ошону менен жиншиң айталаага киши жиберип, куу түлкү түсүнө кирип алып: «Чу падышалыгы гүлдөнөт, ханыбыз «Жиншиң болот» деп түлкүчө улутуп, кыйкырык салдырат. Дыйкандар муну чын көрөт да ишенимдери дагы да бекемделип, дүрбүлөң көтөрүү кайраты ашат.
Ал эми Манас бир колуна кан, бир колунда май уучтап төрөтүлөт. Анын оң алаканынын бөртөгүндө Манас деген мөөр басылуу аты болот, деген кабар кыргыз менен калмактар арасына тарай баштайт. Ошентип элдин бакытка умтулуу ишеними арта баштайт. Мисалы: тоодо отун-жыгач алып жүргөн элге топ-топ болуп жүргөн кырк бала жана бир-биринен айырмаланбаган кырк арстан жолугат. Карапайым элдин өкүлү катарында, Адылбек деген абышкага кырк бугуну мүйүзүнөн кошоктоп алган кырк бала жолугат. Алардын ичиндеги бир кызыл чырай бала Адылбекке мындай дейт:
Бай Жакыптын уулу бул, Аты Манас баатыр уул.
Кырк жигити биз деди,
Ким болосуз сиз деди –деп кайып болуп кетет.
Жогорку мисалдардан караганда, бирөөндө жазма тарыхый окуя баяндалса, бирөөндө эпостук баян баяндалат. Бирөөндө түлкүчө улутуп, элди ишендирсе, бирөөндө Манас баштаган кырк бала арстанды кайыптар көрсөтүп, элди ишендирет.
Биз мисал келтирип жаткан «Акбарат тарыхы» деген китептин дагы бир бабында «Иван сулаласынын акыркы кездеринде хан Шантуң, Люфутуң катарлуу козголоң көтөргөндө, мифтик түс алган калк кошундарынан пайдаланып коомдук пикир пайда кылып, элди козготкон. Алар козголоң көтөрүүнүн астында бир жалгыз көздүү таштан жасалган адамдын тулун Хваңхынын (Ичкердеги бир дарыя) жээгине көмүп, элди чогултуп келип, дыйкандарды казып алууга буйрат. Артынан «жалгыз көздүү тул таш адам, Хваңхыны толкундатып, кылды баш-аламан» деген калк кошогун таратат. Мындай иш чаралар дыйкандар көтөрүлүшүнө зор өбөлгө болот.
«Манас» эпосунда болсо Чыйырды энебиз Зумуруктун көз майына, жолборстун жүрөгүнө, арстандын тилине талгак болот. Манас төрөлгөндө Көктулум ичинен чыгат. Анын үнүнөн күн мөндүрлөп куюлат. Көлдөр толкуп чайпалат. Теңселип тоолор жайкалат. Жер титиреп козголот. Ошентип, кыргыздардын аңыз кылып жүргөн, аңсаган Манасы төрөлөт. Айткандай эле анын алаканында Манас деген ат болот. Кыргыздар аны Көктө теңирдин бергени деп билишет.
Аталган мисалдарда жалгыз көздүү тул таш адамды Хваңхынын жээгинен казып алынган кылып «Ал Теңирдин бизге ыйгарган баатыры, Тул таш адам күчкө келип, Хваңхыны ташытып, ааламды баш-аламан кылат» – деп элди ишенимге ээ кылып козголоңго уюштурса, Манаста Көк теңирдин буйругу менен «Манас» төрөлүп элге баш болот деген ишенимге ээ кылат. Жогорку баяндардагы тарыхый чындык менен эпостук баяндардын окуялык жүрүшү окшобогон менен көк тулум ичиндеги бала, жалгыз көздүү Тул таш адамга болгон ишеним кыргыз, калмак, ханзу улуттарындагы мифтик ишенимдин окшоштугун, окшобогон доор, окшобогон жанрлардагы тутунган тутумдарынын бирдейлигин, зорлук-зомбулук үстүнөн жеңишке жетүүнү максат кылган үгүт кыймылдарынын тутумдаш экендигин байкоого болот.
Кала берсе залкар манасчыбыз Жусуп Мамай айткан «Манас» эпосунун Манас бөлүгүндө (1–2-китеп, ички материал) болжолу менен 50дөй жеринде оозчо кабар берүү окуялыктары учурайт. Мындан негизинен согуш учурлары, мындайча айтканда аскери аквараттар, душмандын арка-чебин түзөтүү, салгылашууларга түшкөндө кернейсурнай тарттырып кабар берүү (маалымат берүү) ыкымындагы толуп жаткан учур-даректери баяндалат. Мисалы «Манастын жети ханды чакыртышы» деген бөлүмүндө:
«Жаңылык кабар болоордо, Жай кагылып ордодо Кернейдин үнү чыгуучу. Жамандык болсо баяны, Ызылдап калчу сурнайы.
Экөө бирдей кагылган,
Көргөн эмес мындайды», деп сүрөттөлөт.
Жогоркулардан керней менен сурнайдын кабар жеткизүүдөгү оролу эки башка экендиги, бул байыркы кыргыздардын учур жеткирүүдөгү бир түрдүү ыкмасы экендиги анык билинип турат.
Менин баамымча ханзу элинин тарыхый даректеринде айтылгандай калк кошоктору, белги берүү жана бакшылык аркылуу элди ишенимге ээ кылып, кишилерди аракеттендирүү ыкымынын оозеки адабиятта чагылдырылышы көчмөн улуттардын, атап айтканда жоокерчилик замандагы тайпалардын түрдүүчө үгүт кыймылдарынан кеңири пайдалангандыгынан дарек берет. Аныгыраак кылып айтканда, чапкынчы үстөм таптардын алы жеткен коңшуларын ырайымсыз эзгендигинин улам алардын чапкынчылыгына каршы көтөрүлүш жасоо аракеттерин, элдин таркап, бөлүнүп жүргөнүн тутумдашып кошулсак экен, өзүбүздүн кол башчыбыз, коргоноор пирибиз болсо экен, деген арзуу-армандарынан туулган туунду экендиги айттырбай эле белгилүү болуп турат.
[1] Жусуп Мамайдын варианты. «Манас» 1-бөлүм, 1-китеп (ички материал).
Эпостогу кабарлашуу даректеринин жазма ыкма оошуусу
Бир улуттун оозчо кабар берүүдөн өнүгүп, жазмача кабар берүү баскычына өтүүсүн, эң жөнөкөй шарт жазуучу болуу керек. Ал эми кыргыздар тарыхта орхон-энесай жазуусун иштеткендиги жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, кыргыздардын өзүнүн жазуусу болгон. Бул алардын маданиятынын эң көрүнүктүү жетишкендиктерине кирет. Кыргыздардын арип тамгасы үстүндө Абдулев эскерет: «Кыргыз жазмасынын эстеликтери бизге көрүстөн сахналарында, кымбат баалуу идиштерден, аска-таштарга чегилген жазуулар аркылуу бизге жеткен. А түгүл чегилип жазылган жазуулары бар жыгач-таякча табылган». Кызласовдун болжолунда, «Энесай кыргыздары Энесай руник жазмасын 7-кылымдан 8-кылымга чейин пайдаланган», – деп жазылган. Ошол китепте жана «Хакас фольклорунда кабар көп учурда кат аркылуу жөнөтүлөт, сыйкырдуу китептер жөнүндө айтылат. Аларды окуп, жомоктогу каармандар өздөрүнүн келечегин билишкен», – деп жазылган. «Манас» эпосунун Жусуп Мамай вариантына көз чаптырсак, андагы даректерден каткабар жеткизүү көп жерде кезигет. Мисалы эпостогу «Манастын жети ханды чакыртышы» деген бөлүмүндө, Ажыбайдын Кошой ханга алып баруучу каты жөнүндө мындай баяндалат:
«Алмамбет, Чубак эки шер,
Абам Кошой кеменгер.
Зерлүү тажы башында, Сексен катчы кашында.
Сербөөлөнгөн эр Сыргак, Кат жазуучу үстөлгө, Катар барып отурду.
Кат жазуучу үстөлүн, Жан-жагынан ойдурган.
Жакут таштан койдурган.
Сары алтын бөрктөлү, Дөбөтү менен калемин, Үстүнө катар койдурган.
Койкоңдотуп калемин,
Колу билинбей эр Сыргак,
Катты жазып бышыктап».
Биз жогорку мисалдарды назарга ала олтуруп ханзу жазма даректериндеги аквараттык учурларга үңүлө карап көрөлүчү.
Ханзуча «Акварат тарыхы» деген китепте баян кылышынча 1-таң доорунда «Сарай гезити» деген гезит чыгарылган болуп, ал феодал хандыктын орган гезити экендиги, азыркы бул орган негизинен аймак, областтарга кабар, учур жеткирип турууга, жатаканалар менен тейлөөгө жооптуу болот экен. Таң доорунун шиван заң жылдарында, мамлекеттин чек ара орундарында он аймак башчысы (ага генерал) тутук буйрук дайындаган ханзучада деп аталып, азыркы чоң дивизия башчылары деп түшүндүрмө берет. Тутук буйруктардын укугу аябай чоң болуп, өкүмөт укугу менен аскерий укукту тең кармаган делген.
Анвар Байтур өзүнүн «Кыргыз тарыхы лекциясы» деген китебинде таң сулаласы доорунда кыргыздар менен таң падышасынын байланышы тыгыз болуп, төтөлөй байланыш орноткон, саясый иктысады жана каржы жактардан байланыш жакшы болгон, милады 608-жылы Энесай кыргыз хандыгынын ханы Ылтебир Ишбар ажаан деген киши таң империясынын борбору Чаңь-ан (азыркы Ши-ан) шаарына барып, таң падышасы менен көрүшкөн.
Таң падышасы Ишбар ажаанды чоң даңаза менен күтүп алган жана Энесай кыргыздарын өз башкаруусуна ала тургандыгын билдирип, Ишбар ажаанга сол канат коргоочу, башчы сангон, кыргыз тутук мекемесинин тутук буйругу деген жогору даражалуу мансаптарды берген… Ошол кездерде кыргыздардын маданияты аябай гүлдөгөн, жазуусу болгон. Календарь иштеткен. Ыр-күү шаймандарынын түрү да көп болуп, комуз таң империясынын ордо музыкалары катарында жапанияга таралгандыгы айтылат. Мамандардын жогоркудай караштарынан караганда тарыхта гезит-китеп өңдүү жазма даректерди калтырбаганы менен өз доорунун жазуусу аркылуу кат-кабарлашуу байланыштарында болгондугун, ошол эле жазуусу менен «ягыла каракат түбөлүк ташы», «эр тооган тутук түбөлүк ташы», «Текеш көл тудун түбөлүк ташы», «кара чор түбөлүк ташы» сыяктуу кымбаттуу жазма эстеликтерди калтырганы апайгене. Демек, ошонун өзүн дагы бир түрдүү учур жеткирүү ыкымы деп айтууга абдан болот.
Эми айтылуу «Манас» эпосубуздан сөз козгоп, көрөлү. Жусуп Мамай аксакал айткан «Манас» эпосунда кат-кабар жеткизүү, согуш эстеликтерин кагазга түшүрүү сыяктуу эпизоддор арбын учурайт. Жусуп Мамай аксакалдын Манасындагы бир бөлүгүнүн үзүндү эле божомол менен 24төй жеринде кат аркылуу кабарлашуу болгондугу баяндалат. Мисалы:
Эми калган он күндүк Урушка ырчы барбагын, Калемиңди колго кармагын.
Эл унутуп калбасын,
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Айкөл Манас арбагын.
Ойронумдун жумушумун,
Унутуп таштап койбогун,
Кылбаганды кылды деп,
Апыртып айтсам болбодуң.
Мен өзүм кылган иштерим,
Ак кагазга бүткөмүн.
Аруукеден сурап ал,
Ырчым сөзгө улап ал.
Жогоркудай даректер ханзу жазма эстеликтеринде баса белгиленген деген китепте «Хан ар жылы төмөнгө киши жиберип, элдик кошокторун жыйдырып, элдин ал-абал жагдайын ээлеп турган» дагы бир карашта «гезит жу сулаласы доорунда пайда болгон «ыр нааманы» жу падышасы төмөнгө киши жиберип элдик кошокторун, элдик кабарларды жыйнатып жазып чыккан. Ошондон улам ыр-кошоктор алгачкы кабарчылык башаты» болуп калды делинет. Кыскасы, адамзат өнүгүп жазуу колдонгондон бери, аквараттык түз алган үгүт кыймылдарын түрдүү ыкмаларда көрүнүктүүлөндүргөн. Адамдар кылымдар бою басып өткөн карт тарыхын, жашоо тиричилигин урпактарга калтыруу далалатында болгон. Кыргыз эли да Манастай залкар чыгармасы аркылуу өзүнүн олчойгон энциклопедиясын жараткан.
Эпостогу кабарлашуу даректеринин кыргызды үгүттөөгө өтүү жолу
«Манас» эпосу ыр аркылуу тарыхты тең даңазалаган, кыргызды дүйнөгө үгүттөгөн акварат куралы деп айтсак жаңылыш болбос. Себеби анын окуялык жүрүшүнөн тарыхый доорлордун көлөкөсү көрүнгөндөй болот. Мисалы: бир карасак байыркы кыргыз уруу бирикме доору менен Энесай кыргыз каганаты доору көз алдыңа тартылат. Бир карасаң 12-кылым Чыңгызхан доору менен 20-кылым кыргыздардын доорун үгүттөп жаткандай көрүнөт. Манасчылар «Манасты» күпүлдөп айтып жатканда, бир карасаң шаманизмдин жакшылыгы менен ислам дининин дуба кээ бирлерин үгүттөп жаткандай болот. Жыйып келгенде кыргыз элинин нечен кылымдар бою жашоо турмуш көз караштарын үгүттөйт.
«Манас» эпосунун ички формасынан караганда, Ырчы уулдай ырчылар кыргызды үгүттөсө тышкы формасынан караганда нечен урпак манасчыдан «Манасты» улантып, кыргыздын руху жана заттык маданияттарын үгүттөп келген. Бул жөнүндө Кыргызстандын көрүнүктүү изилдөөчүсү Самар Мусаев мындай дейт: «Манасты» жаратуучулар эл ичиндеги таланткерлер болуп, алар эпосту көзкарегиндей сактоочулар жана урпактан урпакка жеткизүүчүлөр – манасчылар «Манастын» мазмунун кеңирткен. Өз алдынча мазмун кошуп калыптандырып, кемелине келтирген.
Дагы бир кошумчаларым «Манас» эпосу ооздон-оозго таралыш жолу менен эле бизге жеткен эмес, кагаз бетине түшүрүлүү ыкымы менен да таралып жүрөт. Макелек Өмүрбайдын изилдөөсүнө караганда «Манастын» кол жазмаларынын илгертен эле эл ичинде таралып жүр гөндүгүн эшиткендигин: «Жусуп Мамай аксакал кол жазмадан үйрөнгөндүгүн, Сатыбалды аксакал деле «Манастын» алдыңкы жети атасында кол жазмадан үйрөнгөндүгүн айтат».
Ал эми Нурсалбек Жаңыбай уулу да «Манастын» 15 – 16-кылымдар кагаз бетине түшүрүлө баштагандыгын мисал келтирет[1].
Биз жогоркудай фактылар менен баскычтар боюнча айтылып кеткен үгүттөө мисалдарын жууруп келип ой таразабызга салганыбызда, көптөгөн изилдөө жайытынын жана эле кишилер чыйыр салбагандыгын байкоо кыйын эмес.
[1] «Акбарат тарыхы» деген китеп.
АСАНБАЙ МАТИЛИ
«МАНАС» ЖАНА АГА БЕРИЛГЕН АТАК
«Манастын» тилеги – керт эле Манастын тилеги эмес, бүткүл кыргыз элинин тилеги. Манастын муңу – жеке эле Манастын муңу эмес, бүткүл кыргыздын муңу. Манастын тагдыры – жеке эле Манастын тагдыры эмес, бүткүл кыргыздын тагдыры. Манастын шаттыгы, кыргыздын шаттыгы. Манастын туусу жыгылса кыргыздын туусу жыгылат. Ошондуктан Манасты канчалык ченемден ашыра сүрөттөө эл мүдөөсүнө шайкеше берет.
Эмесе Манасты олчойгон орошон зор денесин мындайча сүрөттөйт:
М: Аккула минип болкоюп,
Алатоодой зоңкоюп –
турганын айтат дагы, бир жеринде Манастын көзүнө токтолуп:
Алагар көзү чолпондой,
Айкулагы калкандай
Карагандан жан чыгып,
Кармагандан кан чыгып,
Аркасынан Арстандын, Айдар кара жал чыгып,–
турганын маңызына жеткире сүрөттөйт.
Кай бир жерде Манастын тишине кайрылып:
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш
экенин элестүү көрсөтөт. Эпосто муну менен эле токтоп калбастан Манастын бетин да айгинелей айтып:
Кызыл чийкил нур беттүү, Пендеден чыккан келбеттүүлүгүн
баяндаса, бул сүрөттөмө баралына жетпей мүчүлүш болгондой:
Ак келте жондо жалт этет,
Айдай бети жарк этет,–
деп бети жөнүндөгү сүрөттөмөнү дагы да көңүлүңдү толтура баяндайт. Мындан өтүп Манастын үнүнө токтолуп:
Айкырыгы таш жарып,
Таштан өтүп баш жарып,–
деп бир жеринде сүрөттөсө, ал эми кайбир жеринде ойду толуктап:
Алгыр шердин түрү бар,
Ачуусу келип айкырса,
Алтымыш эрдин үнү бар –
дейт. Эпосто Манастын мүчөсү тургай, элесине да көңүл бурат.
Мисалы:
Ак көбө тонун жамынып,
Ач жолборстой чамынып
турганын баяндайт, ач жолборстой чамынган Манастын каары да бөтөнчө, каарданганда кабагынан кар жаап, кирпигинен муз чыгып:
Ачуусу келип албайып,
Ант ичкендей саргарып,
Сакал, мурут бириндеп,
Кара бойдон жел чыгып, Этек жеңи дирилдеп Заары чыгып жүзүнө.
Түгү тешип кийимден
Ысыгы жайдын күнүндөй,
Түрпөтү селдин түрүндөй
турганын сүрөттөйт. Ошентип Манастын кешпирин толуктап берет.
Манастын ачуусу келгенде ант ичкендей саргарып, бетинен түк, жонунан айдар кара жал чыккан менен боордошторуна таш жүрөк эмес. Маселен – Алмамбет шыптар огун жеп өлөөрүндө:
Кейишин тартып курдаштын, Кер сары болуп муң басып. Алтындан соккон кемерди, Аябай мыктап курчанып.
Айдай бети көрүнбөй, Төрт эли сары түк басып. –
күйбөгөн жери күл болуп күйүп кетет. Эмесе Манас ээленип Чоң казатка аттанганда аялы Каныкей:
Аптаба алтын мис эмес,
Алп Коңурбай Эсенхан, Алыша турган кез эмес.
Самоору алтын мис эмес, Алп Коңурбай, Эсенхан, Салыша турган кез эмес.
Алтымыш бирде мүчөлүң,
Аттанам деп Бейжинге, Дарбаның жаман күчөдүң,–
деп айтканда Манас ак каңкы ээринин башына камчысын тыкылдатып уруп, кыял менен шылкыят. Сапарга жүрөрүнө калганда:
Адырда жылкың ала баш, Аргымак күлүк аралаш.
Аргымак тандап минээрге,
Артында калган бала жаш,–
деп Каныкей айтканда коргошун болуп көлкүлдөп эрип кеткени калат.
Чоң казатта капыстан Чубак баатыр жоголуп кетет.
Ошондо Манас:
Караным Чубак сен элең, Канган Манас мен элем.
Арстан Чубак сен элең,
Артымда Чубак жүргөндө, Ааламды алам дээр элем. Карагаттай кайран көз, Сагызган чокуп ойдубу?
Кардай аппак бетиңе,
Кажыр, кузгун кондубу?
Каалгадай кашка тиш, Карга чычып койдубу? –
деп кайгынын тереңине батат. Кыскача айтканда Манастын сырткы келбети жөнүндө кыргыздар:
Аркасынан караса, :
Ак жолборстун сыны бар.
Маңдайынан караса, Ажыдаардын сүрү бар.
Төбөсүнөн караса,
Алпкаракуштун түрү бар. –
Алмамбет эр Көкчөнүн улагасына сыйбай, көчүгү батар жерин билбей каңгырап жөнөөрдө Акэркеч:
Тоодон оор иш кылсаң,
Ашырганын жан билбейт.
Эр өлтүрсөң, кан төксөң,
Жашырганын жан билбейт, Суудан терең иш кылсаң, Кечиргенин жан билбейт.
Жамандыкка жакшылык, Келтиргенин жан билбейт, –
деп Манастын мүнөзүн жан жактылуу толуктайт.
Ал эми жеке кыргыз улуту эле эмес кылчылдашкан душманы Нескарада Манасты кобулуна толтуруп:
Күүгүм туман көздүү экен, Майлаган буудай жүздүү экен. Чоңдугу төөнүн нары экен, Толкуну көлдүн шары экен.
Кулагы бар калкандай,
Кулжуңдашкан кишини,
Майдалап койсо эрки экен, Арпадан тарткан талкандай, –
деп Манастын баатырлыгына суктанып тамшанат. Ал эми эр Бакай Манаска кайрылып:
Арбагы бийик арстаным, Айбаты журтту басканым.
Акыр заман элине, Айтылып калар дастаным, –
деп кыска жана мыкты тыянак чыгарган.
Эмесе Манасты кыргыз эли чын жүрөгүнөн сүйгөндүктөн төбөсү ачык көккө, козголбой жаткан зандимдин залкарына, кайсаганы эрекче арстанга, качырганы керемет жолборско, үнү сүрдүү шерге, жүрөктүүнүн кыйыны алпка, аруунун жакшысы асылга, азаматтын кайраттуусу эрге, акылдуунун эрекчеси кеменгерге, кара аттын кашкасына, кала берсе башкасына теңөөгө сөз каражаты жетпей мүңкүрөп турганын көрүүгө болот. Мындан кыргыз элинин Манаска болгон махабаты канчалык терең экендигин билип алганы болот. Көпчүлүк Манаска мындай атактарды берет.
- Манас: «Манас» деп аталат.
Манастын аты – адамзаттар жагынан коюлган ат эмес, тек теңирлеп койгон ат. Эмесе төрөлгөндө:
Оң колунда майы бар,
Сол колунда калы бар,
Бүткүл дүйнө кылымды, Соручудай жайы бар. Алакандын бөлтөктө, Манас деген аты бар –
деп эпосто ачык айткан.
- Манас: «Чоң жинди» деп аталат. Чоң жинди деп аталыштагы негизги себеп жаңгыз «Стырлап» деген китебинен карап: «Кыргыздан бир баатыр туулат, аты Манас дегендиктен айылга кечил коюп карап жүрөт. Ошондуктан Манас төрөлөөр замат Балта дөө Манастын атын: «Чоң жинди», деп коёр замат алакандын бөлтөктө турган Манас деген аты көздөн кайым болот.
М: Манастын атын бурушту, «Чоң жинди атка коюшту. Алакандын бөлтөктөн, Аты кайым болгону.
- Манас: «Султан» деп атак алат.
М: Султанымдын барында, Мээлүүндө жатып уктадым.
Беш тайпа журтту туткамын.
Сурагым Султан Манастын,
Кыйын болгон кези экен,
Кыргыздан кыйла жыйналып, Жыйын болгон кези экен.
(Алынган мисалдын баардыгы ички материалдан алынды.)
Султан деген атак диний атак. Манасты эмне үчүн Султан дейт?
Манас төрөлө электе: «Манас» деген ат «Стырлап» деген китептен чыгат. Ааламга өзүнөн мурда руху келип, 40 чоросун ээрчитип, 40 бугуну жетелеп токойдо ойноп жүрөт.
Чыйырды эненин талгагы да аялдардан өзгөчө – ал азуулуунун шери жолборстун жүрөгүнө, канаттуунун зору алп каракуштун көзүнүн майына талгак болот. Мына мындай өзгөчө талгактан да кандайдыр бир султандык касиет көрүнүп турат.
Манас бала кезде Балта дөөнүн үйүнө барып уктайт. Ошол учурда мындайча сүрөттөлөт:
Бир убакта кол серпип,
«Чоң жинди» төшүн ачыптыр.
Чарадай жерге ак түшүп,
Жабыкбаштын үстүнө,
Кут куюлган немедей,
Жапжарык болуп шам күйүп турат.
Манас иштеткен ач албарс да бош эмес. Куданын досу Мамэт пайгамбар атайы Манаска арнап берген ач албарс.
М: Уруштуу күнү узарган, Учу өрттөй кызарган. Чагарак ооз, алма баш, Ыңай-туура ылгабас.
Бул албарсты Айкожо 400 жыл өмүр көрүп, Манаска тапшырып берүү менен тыным тартпай ааламдан кайтыш болот. Ошол замат:
Үстүнө салган кому бар,
Боздоп турган бир ак төө, Бир көрүүгө сонун ал.
Табыты бар, кепин бар, Бекитип тартчу жиби бар. Кыбылага баштанып,
Чөгө калды жаныбар.
Айкожонун мүрзөсүн төөнүн үстүнө салганда төө көздөн кайым болот. Бул адамзаттан өзгөчө укмуш болбой эмне? Султан Манас казатта жүрсө – колдоочулары кашында. Султан Манасты Кызыр жылоолоп жүрөт.
М: Бармактай кызыл меңи бар, Маңдайында салаңдап.
Жылаң аяк, жылаң баш,
Кийимсиз өзү жылаңач, Чылбырлап кетип баратат – Он сегизде бала жаш – дейт.
Кыргыздарда мурдатан сакталып келаткан бир ишеним бар: балакатка кошулбаган бала суудан, сүттөн таза. Алар өлсө тозокко кирбей, бейишке кирет дешет. Эмесе Султан Манасты Кызыр колдоп, саби күнөөдөн сактап, бала Аккуланын чылбырынан жетелеп жүрөт.
Кыргыз эли Ак коёнду ак Кайыптын пири катарында мамиле жасайт. Кээ бир кыялкелди кыярлар жансактоонун айынан бакшы, бүбү болуп алышат. Ошентип алар таш талканы чыккан тагдырдан сөз ачат, айтканы аз болсо да туура чыкса: «Мунун жөнчүсү бар, же ак кайыбы бар дешет. Ал эми Султан Манас жөн адам эмес. Бирге жүргөн жөнчүсү барлыгын сүрөттөйт.
М: Эки үзөңгү алдында,
Эки түгөй сур бөжөк,
Кулагын тиктеп жапырып,
Кетип барат бөжөңдөп – дейт.
Кыргыз эли азуулунун ичиндеги жолборсту качырганын кайсаган, карылуу айбан деп өзгөчө мамиле жасайт. Ошондуктан кыргыздар жакшы көргөн жигиттерге бата бергенде:
– Жолдошуң жолборс болсун деп бата берет. Ошондой эле Султан Манаска жолборстор жолдош болот.
М: Кызыл чаар жуп жолборс, Жолуккан пенде соо болбос. Жандап чуркап алыптыр,
Манаска болуп ал жолдош, – дейт.
Жеке эле жолборс эмес, түргөн чийдей жоондуктагы ажыдаар Султан Манаска жолдош болуп сойлоп барат:
М: Сонун иши дагы бар, Түргөн чийдей жоондугу,
Сойлоп барат ажыдаар – дейт.
Бул аркылуу Султан Манасты жолборс эле эмес, жакындаганды илеп тарткан ажыдаар да жандап жүрсө: – Сен кантип беттеше аласың? – деп Султан Манасты дагы да сүрдүү көрсөткөнү. Манас тургай минген атынын да бир топ өзүнө таандык касиети жатат. Манас Султан болгондон кийин минген атынын да өзгөчө касиети болууга тийиш. Манас аты Аккула жөнүндө Балта дөө алдын билип:
Манас минчү бир ат бар, Өзү Сары кулатай.
Ырысына уулуңдун,
Душманынан табылар, Ак сур кула түгү бар. Кулун даакы түшпөгөн, Учасында жүнү бар.
Орто эшектей бою бар,
Жоон сабоодой колу бар – деп сүрөттөйт.
Аккуланын энеси Куу чабдар бээ дагы керемет, ал жылкыга кошулбай 2–3 жыл жоголуп тууйт. Мындайча айтканда кайыптан жалгашат демекчи. Ошондуктан Аккуланы:
Тоодо туулуп, кумда өскөн, Кулан менен бирге өскөн.
Ойдо туулуп, тоодо өскөн, Тоо теке менен бирге өскөн – дейт.
Аккуланы Балта дөө эле эмес, Жаңгыр да «Стырлаптан» карап:
Аккуланы көргөндө:
Зыркырап эмчек ийди эле,
Чыныга саады Чыйырды,
Чийдей агып куюлду,
Өзү менен эмчектеш,
Эненин сүтү буюрду – дейт.
Туугандардын эң жакыны эмчектеш болууда. Ошентип Султан Манас менен Аккула эмчектеш болот. Туңгуч жол Манас Кула тайды көргөндө:
Куйрукка чейин сылады, Түшпөй жүргөн курсак жүн, Түк бирөө да калбады.
Колун тартып алганда, Керилип суртай суналды. Кулакта күйгөн шамы бар, Маңдайында багы бар. Соорусуна карасаң, Сала-сала калы бар.
Баба Камбар сылаган,
Беш манжанын тагы бар.
Демек, Манастын минген аты да соо эмес. Жылкынын пири Камбар ата сылаган беш манжанын тагы бар. Мына мындай укмуштуу туулуп жаткан шарттар султандык касиет болбой эмине?
- Манас: «Баатыр» деп атак алат. Чоң казат түпкү оригинал 938-бетте катуу чайкашуу болот. Чакташып чаркы жетпеген Чубак баатыр Манасты ойготуу үчүн тарткыласа болбойт. Ошондо:
Түшө калып атынан, Эки ийинден кармады. Типтигинен тургузуп,
Бою менен тең кылып, Чалкасынан таштаса, – Далысы тийет далк этип, Куйругу тийет далп этип.
Анда да Манас ойгонбойт. Баатыр Манастын тирүүлүгүн билгенде асынып жүргөн Ак келтесине:
Бир күпсүрдө дарыны, Күр дедире куйду эле.
Кесип алган ичмектен, Томолоктоп келтеге, Сүмбө менен урду эле.
Кулагына келтирип,
Күр дедире койду эле. –
Мында да Манас ойгонбойт. Чамасы чак түгөнгөн Чубак:
Уңгусу болот найзаны, Арстап жерге жороду. Кере сөөм өлчөп үч жагын, Түбүнө каде ороду.
Ак көбөнүн этегин, Аңтарып кайра таштады.
Укмушту Чубак баштады,
Кара сандын сом этке, Качырып келип бир сайды.
Ошондо Манас араң ойгонуп:
– Найзаң тийди мага деп, Жин тийдиби сага деп, Урушпай жүргөн жоо барбы?
Урунбай турган тоо барбы?
Атышпай жүргөн жоо барбы? Ашбай жүргөн тоо барбы?
Анталайсың сен мынча, Аманат жаның соо барбы? – деп кебелип койбойт: Булгап сунган найзаны, Улай учтан кармады, Катуу силкип калганы.
Арстан Манас тартканда, Күү менен кошо кулак, Пил үстүнөн кулады.
Мынабу да баатырлык болбой эмине?
Бейжинде Манасты Коңурбай жашынып туруп балта менен чабат. Үч күн өткөндөн кийин:
Арстан Манас кеп айтат: Баймат келчи деп айтат.
Тырмап койчу шилимди, Кычышкансып баратат (1080-бет).
Баймат караса көк шилиге мадалган балтанын уңгусу соройуп турат. Чоң казандын оозундай көзөсү үңүрөйүп көрүнөт. Алмамбет, Сыргак, Чубактар келгенде балтаны тарттыралы десе ага баатыр Манас болбой мойнун толгойт.
Мажик менен Байматты тартып салгыла деп зарлайт.
М: Көзүнө чылбыр өткөрүп, Белине салып көгөрүп. Мажик тартты тырактап, Баймат тартты сырактап.
Он бири келди далбактап,
Биринен бирөө тыңдуусуп, Тартып жатат барбактап.
Эшик эниндей чоң балта шилисине мадалса, аны Манас туйбаса бул эмне деген энөөлүк? Бул эмне деген баатырлык?
Баатыр деген сөздүн кубаты жетпөөчүдөй маанилеш же болбосо түгөй сөздөр аркылуу Манаска берилген баатыр деген атакты дагы да арттыра тактаган.
М: Айкөл Манас балбаным
Манас мыкты эр экен
Сөзүңдүн башын белгилеп, Айтып баргын бегиңе, Белдүү Манас келди деп. Алп Манас барбаңдап, Ала көөдөн дардаңдап.
Мына мындагы балбан, эр, белдүү, алп деген сөздөр маанилеш сөздөр. Бир сөз иштеткендин ордуна бир канча маанилеш сөздөрдү иштетип, адабий чыгармадагы көркөмдүктү аз болсо да ашырган.
- Манас: «Көкжал», «Жоо бөрүсү» деп атак алат. Кыргыз эли мурда карышкырды ыйык билип, аны Теңир катарында көрүп, тутум кылышып сыйынган. Ошол карышкырдын дөбөтү: «Көкжал» деп айтылат. Көкжал карышкыр азуулуунун кыйындарынын бирөө. Муруну да жыт алганга кыйын. Койшолоңдоп өтө тентек, өтө сергек. Эмесе Манасты жоо бөрүсүнө, Көкжалга теңейт.
М: Жогололу кетели, Жоо бөрүсү Манаска,
Жообун айтып жетели.
Балта дөө: Көкжалдык менен сен калып,
Көгөрүп жүрүп мен калып, – дейт.
- Көкжал Манас: «Арстан» деп атак алат.
М: Таянар жалгыз төрөмбү?
Жаман жоого жөнөлдү.
Жанын тирүү көрөмбү?
Же айрылып Арстандан, Армандуу бойдон өлөмбү? Арстан Манас кабылан.
Арстан Манас баатырың.
- Арстан Манас: «Сырттан» деп атак алат.
Кай бир учурда Арстан баатыр Манаска сырттан деп да атак берет.
М: Сырттандын бирөө экен деп, Ичинде тынып калыптыр.
- Манас: «Ач жолборс» деп атак алат.
Ачыккан Жолборс ток жолборско караганда дагы да кыйыныраак. Ара бөк болбой качырганы катуу, бет алганын мерт кылбай койбойт. Эмесе баатыр Манасты жайынча жолборско эмес, ачыккан жолборско теңеп, атагына дагы да тактык киргизет.
М: Ак көбө тонун жамынып, Ач жолборстой чамынып.
- Манас: «Кабылан» деп атак алат. Ач жолборс деген атактан Сырттан Манасты үндүүлөрдүн сүрдүүсү Кабыланга теңейт. Кара кулак Кабылан ургаачы болгону менен төрт тарабы келишкен азуулуунун кабыланы.
М: Катынча жатып багындым, Кабылан эрди сагындым.
- Манас «Шер» деп атак алат. Шер деген атак Кабыланга караганда дагы да кебетеси сүрдүү, үнү да сүрдүү, азуулуунун айбарлуусу.
М: Ай! Ай! досум – эр Манас, Атагың, тоодой шер Манас.
- Манас «Көк, кара көк» деген атак алат.
Кыргыз улуту төбөсү ачык көккө, чалкып жаткан деңизге сыйынган. Бул жердеги Көк дегенибиз эки жактуу маани берет. 1. Төбөбүздөгү чексиз көк. 2. Чалкыган көк деңизди назарыбызда тутабыз. Кара көк дегенибиз деңиздин да тереңи, боштуктун да эң бийик түнөргөн жерин кара көк дейбиз.
Көк дагы да тактык киргизип, кара көккө теңеп атак бере сүрөттөгөн.
М: Бала жолборс кара көк –
- Манас «Айкөл» деген атак алат.
Кыргыз улуту да ай балкыган көлгө кумар арткан. Суктанып жогору баа берүүгө шыктанган. Ошондуктан ай балкыган көлгө Манасты теңеп – Айкөл деп атак беришкен.
М: Кыл болот мизин жалаштым.
Ал жеткис жоого караштым. Айкөлүм Манас сен үчүн, Намызың бирге талаштым – дейт.
- Манас – «Кеменгер», «Көсөм», «Бааша», «Падыша», «Хан» деген сыяктуу атак берет. Чындыгында Манас кыргыздын атактуу кеменгери. Ал кыргыз улутун канат алдына алып калкалаган. Ошондуктан кыргыздар ар жактан айкындап атак берүүгө тырмышкан.
М: Көргөнүм жок угушум, Манас деген баашаны.
Падыша Манас, эр Чубак, Баладан чыйрак эр Сыргак. Кыргыздан чыккан кеменгер, Кылымды баскан кыйын эр.
- Манас – «Кыраан» деген атак алат. Кеменгер Манасты сермегенин серппей койбогон канаттуунун кыраанына теңейт.
М: Кыраан Манас сурданып,
Ач албарсты колго алды.
Бул жердеги Кыраан деген сөз адискөй, өткүр, илбериңки, билгич деген мааниде келди деп түшүнөбүз.
- Манас – «Залкар» деп атак алат.
Табиятта зандимдин залкары, адырлуу тоонун аскары болот. Кыргыз улуту чалкалаган тоонун эң бийик жерлерин залкар дейбиз. Эмесе кыргыз улуту Манаска залкар деп атак берет.
М: Сайылган байрак түбүндө,
Залкарың туруп калыптыр.
- Манас – «Жайдар» деп атак алат. Дүйнөнүн көп жери адырлуу, быткылдуу, мындай жерлер жайылган жайдар жазыкка караганда анча кооз эмес. Кыргыздар жарыкка өзгөчө суктанып, Манаска жайдар деп атак беришкен.
М: Жакыптын уулу жайдарың, Жайылтып маңдай айдарын.
- Манас – «Сал» деп атак алат.
Сал дегенибиз дайрада калдаңдап аккан муз. Салда кандай болбосун бир салкындык, муздактык бир какар бар. Эмесе Айкөл Манастын казабы менен какары да бош эмес деп атайы сал менен айкалыштырып сал деп атак берет. М: Эп көрсө турган баарыбыз, Бузбаса Манас салыбыз.
- Манас – «Асыл» деп атак алат.
Адамдардын чайымдуу азаматты, аялдардын тал төөндөй чоюлган салмактуу жана сулуусун, аруунун ийи майда, жибектен бүткөндөрүн, кендин жакшысын, көхардын тунугун ж. б. ларды асыл дейбиз. Эмесе кыргыз улуту залкар Манаска атак берип, асыл дешкен.
М: Анда Бакай кеп айтат, Асылым Манас деп айтат.
- Манас – Төрө, «Аким», «Бек» деп атак алат. Кыргыздар жогору даражалуу жетекчилерди төрө, төрага деп айтат. Одан башчыларын аким дейт. Эмесе кыргыздар Манасты төрөгө, кала берсе акимге, ал тургай бекке теңеп атак берет. Бул теңөө менен Манастын күнү төмөнгө түшүп кетпейт. Кайра кыргыздар Манаска атак берип теңөөгө сөз таба албай нукурап турганын көрөбүз. Бул аркылуу кыргыз эли Манасты өтө жакшы көрө тургандыгын түшүнөбүз.
М: Төкөр сөөнөт таякка, Төрөңүз барат каякка?
Атагы түрүк алашты, Айдалган күндү карачы. Не болгонун билбедим, Акимсинген Манасы.
Бейжинде бектин уулу элем, Бек кыл деп айттым кимиңди?
Бегиң экөөң бирикчи,
Мен бузайымбы диниңди? – дейт.
- Манас: «Күлүк», «Буудан» деп атак алат. Кыргыздар төрө Манасты адамзатта ханга, канаттууга, кыраанга, билектүүгө, дөө баатырга, азуулууда шерге, жерде жайдарым, Асманда көккө теңеп эле калбай аяктуунун жүгүрүгү күлүккө, аша чаап буудан деп да атак берет.
М: Күлүгүм Манас сен болдуң, Күймөлгөн чобур мен болдум.
Буудан Манас падыша,
Куланын башын бурганы,
Сыр найзаны ыргады – дейт.
- Манас: «Зор» кошумча: «Тоодой» деген атак алат. М: Карап турду зор Манас – Аскалуу тоодой салынып.
- Манас: «Сай кашка», «Көй кашка» деп атак алат. Көлөкөсү чеберлер тарткан сүрөттөй кашканы Сай кашка дейбиз. Бир-бирине өңчөй кашкаларды Көй кашка деп даңазалайбыз. Эмесе зор Манасты кара аргымактын кашкасына суктанып Сай кашка, же болбосо Көй кашка деп атак берип турат.
М: Сай кашка жаткан борборго, Айдар барды ошондо.
Салтанаты бир башка Салышка көнгөн Көй кашка. Ал кыркынан бир башка.
- Манас: «Үсөм» деп атак алат. Көй кашкабыз Манастын жоодураган кара көзүнө карап: «Үсөм» деп атак беришкен. Байыркы кыргыз тилинде: «Үсмөн» деген сөз: «Кара көз» деген сөз.
М: Калайыкка чаң салган, Анткор неме деди эле, Үсөмгө кандай барабыз.
- Манас «Көзүр» деп атак алат. Үсөм Манаска көзүр деген атак аз калыбынан нече миң эсе төмөн түшүп кеткен болсо да, мындай Литута кылынган сөздөр кыргыз тилинде өтө көп. Көзүр ойногон карта ичинде өтө жакшысы.
М: Сур жебе огун кездеди, Чындап алмаң тиктеди. Унчукпай келип от чачкан, Кандай көзүр эр деди?
- Манас: «Бурут» деп атак алат. Эпостун өзүндөгү дарекке караганда Манас калкайган береке муруттуу баатыр, айкөл Манастын муруту жөнүндө:
– Жакшы чыккан мурут,
Айбалтанын сабындай – деп сүрөттөлөт. Ошентип Манаска бурут деген атак кала берет.
М: Алактаган буруттун,
Аскерин курчап жаткыла. Кутуруптур бул бурут, Бар шайтанын каккыла.
Шайтаны бойдон күбүлсүн,
Акимсинген бул бурут,
Аманат жандан түңүлсүн –
- Манас «Оорактуу», «Арбактуу» деп атак алат.
Айкөл Манасты бурут деп эле калбастан кайбир жеринде оорактуу Манас десе, кайбир жеринде арбактуу Манас деп атак бере айтышат.
М: Оорактуу Манас эр менен, – деп сүрөттөсө, кай бир жеринде:
Арбагы бийик арстаным, Айбаты журту басканым. Акыр заман элине,
Айтылып калар дастаным.
Мындагы арбак деген сөздү өлгөндөгү арбак эмес, тирүүлүктөгү оорагы деп түшүнөбүз.
- Манас: «Эрен» деп атак алат. Эрен деген сөз байыркы кыргыз тилинде сүйөнчүк, жөлөнчүк деген мааниде, эмесе Манасты сүйөнчүгүбүз Манас деп атагын турактандырган.
М: Эл чогулуп жатканда,
Эрени Манас айтканда.
- Манас «Каңкор» деген атак алат. Каңкор деген сөздү кан ичме деп түшүнсөк накта болгон болот. Албетте, бир улуттун улугу болгондон кийин кандуу чайкалышуулар болушу табигый маселе. Кас душманга каршы аттанып, кан төгүү, кан ичмелик эмес. Ошондуктан Манасты канкор, деп айтуу ардактуу ат. Ал баатырлыкты билдирет.
М: Кандыгың бар, калкың бар, Канкор Манас даңкың бар.
- Манас: «Ойрон» деп атак алат. Ойрон деген сөздүн мааниси ойрондолуп, таш талкан болгон мааниде эмес, Манас башкалар жагынан жеңилип, өзү алтын ордосунан айрылып калган болсо анда бул ойрон деген сөз ойрондолгон мааниде келер эле.
М: Уй мүйүз тартып олтурду, Ойрон Манас кеп урду.
- Манас: «Ойон» деп атак алат. Кыргыздар айкөл Манаска канча атак берсе татыктуу. Эмгегине караганда ат атагы дагы да мыкамына жетпей сөзүбүз дагы алсыздык кылат деп Манаска эң жогору атак берип: ойон Манас дейт. Мындайча айтканда кыргыз тилинде мындан артык атак жок.
М: Күтүнүп Кокон калыптыр, Ойон Манас шер менен, Зор Бакай, Чубак барыптыр.
- Манас: «Чанту» деп атак алат. Чантуу деген сөздүн мааниси Сардар деген сөз. Сардар – фарса сөз. Сар деген сөздүн мааниси баш деген сөз. Ал эми дар деген сөздүн мааниси – ээси, же кол жетекчи деген мааниде. М: Анда Алмаң кеп айтат,
Чанту Манас деп айтат.
- Манаста «Көөпай», «Манткор», «Анткор», «Бадирек» сыяктуу сөздөр айтылат. Бул сөздөр Манаска берилген атак сөздөр эмес. Душмандын жалаа сөздөрү. Манас эпосундагы бир чындык турмуштун тескери жагын да жаппай көрсөткөн. Эмесе ойон Манасты:
Күмүш так минсин, хан өлсүн, Күйүттү тартпай жан өлсүн. Күчтүүнүн иши болбосо, Корооңдун четин ким көрсүн. Көзүрдү коштоп чабышың,
Көпай кандай төрөмсүң? – дейт.
Тегинде Манас көпайбы? Кыргыздар эр деген энөө келет дейт. Айкөл Манастын мүнөзү тоодой салмактуу, калибет. Сабырлуу, кай бирлери энөө десе, кай бирлери:
Пиримден көргөн күнүм бул,
Мытаамга кандай барармын? – дейт.
Кай бир жерде: Чыркыраган чыр Манас десе, кай бир жерде:
Кара сууга кан куйган, Канкор неме деди эле. Калайыкка чаң салган, Анткор неме деди эле.
Сайдырбайт экен канкор деп, Сактанып алды анткор деп. Менден акыл көбүрөөк, Манас экен манткор деп.
Бадирек Манас чоңдугуң,
Баш жутуучу кордугуң ,-дегендей жалаа сөздөр кезигет. Бул сөздөрдүн Манастын бетине жуккан көөчөлүк таасири жок. Демек, бир улуттун, же бир мамлекеттин тагдырын талашкан соң кай бирде талашуу, кай бирде басым иштетүү болуп турат. Бул жашоодогу нормалдуу жумуштар.
«Манас» эпосу кыргыз элинин ошондой эле дүйнө элинин адабияттагы зор табылгасы. Ошондуктан «Манас» эпосу желде учуп, сууда акпай, отто күйүп, деңизге чөкпөй, кыяматка бара бермек.
Т. И. АСАНОВ
БАГЫШ УРУУСУ ЖАНА АНДАН ЧЫККАН БАШЧЫЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР
С.М. Абрамзон кыргыз элинин этникалык курамын түзгөн уруулук этнонимдерди катмарларга ажыратып келип багыш этнониминин келип чыгышын байыркы түрк мезгилине VI–XI к-га таандык болушу мүмкүн экендигин белгилеген[1]. Санжыра даректери боюнча багыштардын түпкү атасы катары Жанкороз айтылат[2]. Жанкороз ошол эле уруунун түпкү атасы катары саналган Карачоронун лакаб аты болсо керек. Жалпы оң канат урууларынын жанкороз деп ураан чакырганына караганда аталган генеалогиялык ысым жана багыш уруусу тарыхта маанилүү роль ойногондугунан кабар берет.
Карачоронун аты жазма булактарда XVI к. таандык ферганалык молдо Сейф ад-Дин Аксыкентдин «Маджму ат-таварих» аттуу кол жазмасында, жергиликтүү суфийлердин бири Мир Жалил Маулана азамдын дубасын алып анын жолун жолдоочулардын катарына кошулууга ниет кылган Тагай баатырдын Койлон, Кылжыр, Богорстон, Саяк, Дөөлөс сыяктуу уулдарынын катарында эскерилет[3].
Санжыранын бир вариантында Жанкороздон Көкүм, Күржү, Бадам, Конок деп айтылса[4] экинчи вариантында Карачородон Багышты андан Оржубек, Куржун, Көкүм, Бадам, Конок, Кошбычак жана Моңолду таратат. Моңол менен Кошбычакты тондуу уул катары эсептешет[5].
Карачородон тараган багыш уруусуна суумурун, келдике топторун да таандык кылышат жана айрым санжыра маалыматтары боюнча кыйыр түрдө баарындарды да киргизген учурлар бар.
Багыш уруусунан чыккан Көкүм бий XVII к. биринчи жарымында кыргыздарды бийлеп турган башкаруучулардын бири болгон. Окумуштуу-саякатчы Ч. Валиханов бул тууралуу кыргыздардан мындай маалымат жазып алган:
«Ата-бабалары жөнүндөгү, генеалогиялык маалыматтарга караганда бул ордонун (кыргыздардын, Т.А.) саны анча деле көп эмес, бирок алардын эң күчтүү башчысы Көкүм казактын ханы Эшимдин замандашы болгон жана карамагында 500 жоокер кармаган… Ал мезгилде алардын мамилеси кыйла эле достукта жана бейпилдикте болгон. Эшим хандын (1630-ж-да жашаган) өзүнүн карамагында Көкүм бий деген кол башчысы болгон. Эшим хан анын жардамы менен катаган жана чанычкулу уруусунун башчысы Турсунду кыйраткан. Эки элдин ынтымагынын эстелиги катары Эшим Ташкенге мунара курдуруп, ал «Көкүмдүн көк күмбөзү», – деп, аталып азыркы мезгилге чейин сакталып турат»[6].
Ушундай мазмундагы маалыматтар санжыраларда учурайт. «Көкүм бийдин көк күмбөзү Ташкендеги Шейхантаур деген мазарда болгондугу жана багыштар кыйынчылыктарда «Көкүм бабам колдосун» деп, айтыша тургандыгы азыркы мезгилге чейин сакталып калгандыгын»,– Үмөт Молдо жазган[7].
Көкүм бийдин ишмердиги Ишим хан өлгөндөн кийинки окуялар менен да байланышкан. Ага чейинки окуялардын ырастаганына караганда эки элдин ынтымагы бекем болуп Ишим хан Көкүм бийге Ташкендин алты капкасын башкарууга берген. Ушул маалымат Көкүм бий XVII к. биринчи чейрегинде кыргызды башкарган чоң бий жана башчысы болгондугун далилдейт. Б.Солтоноев Көкүм бий тууралуу сөз кылганда аны кыргыздан чыккан биринчи феодал же болбосо башкаруучу-төбөл деп баалаган. Тарыхый маалыматтар ырастагандай Көкүм бий Анжиян-Аксы – Талас-Чаткал жана Ташкенге чейинки кыргыздарды бийлеп чоң бий даражасында турган. Оң жана сол канат уруулары шарттуу түрдө жалпы жонунан Көкүм бийди жогорку башкаруучу катары тааныган. Коңшулардан айрымаланып кыргыздарда Чынгыз хандын урпактарынын бийлиги тарабагандыктан, башкаруудагы салттуу бий институту мурдатан бери туруктуу сакталган жана кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн бийлик иерархиясында башкы орунду ээлеген. XVIII к-дын экинчи жарымындагы цинь-кытай маалыматтарында кыргыздардагы чоң бий даражасы шайлануучу хандык бийликке тете кызмат экендиги белгиленген. Андыктан Көкүм бий элди башкарып турган мезгилде кыргыздардын саясий турмушундагы бийликтин эң жогорку чеги бий институту менен гана байланышкан. Манапчылык калыптанганга чейин кыргыз коомунда мындан артык бийликти колуна кармаган башка жогорку даража болгон эмес.
Кыргыздардын бул мезгилдеги саясий уюмдашуусу, чакан үлгүдөгү көчмөн мамлекеттик бирикмени түзүп турган. Укуктук пайдубалы патриархалдык-уруулук заңмыйзамдарга негизделген этносаясий түзүлүштүн шартында, бийликти борбордоштуруунун өзү мүмкүн эмес эле. Сыягы ага караганда уруулардын генеалогиялык жалпылыктарына негизделген башкаруу ыкмасы, саясий да жана идеологиялык жактан да өзүн актай алган. Ушундай шартта, бирикменин саясий негизин түзгөн ар бир уруунун башкаруучу бийлеринен сырткары, жалпы бирикменин башында турган «жогорку башкаруучу» (верховный правитель) чоң бий шайланып, ага андан төмөн турган уруунун бийлери баш ийишкен. «Кан болсун, манап болсун, баатыр болсун эл сурагы бийде болгон» – деп, жазат Белек Солтоноев.
Көчмөн мамлекеттик бирикменин негизги саясий белгилери катары, бийлер институтуна негизделген башкаруу системасы, санжырада орун алган туруктуу идеологиясы, ошондой эле конфедерациялык түзүлүшкө окшош бийлик тутумундагы уруулук өз алдынчалык жана жетиштүү өлчөмдөгү жер жайыт чектерине ээлик кылуудан улам башталган. Бирок, уруулук өз алдынчалык патриархалдык талаптардын чегинде гана жүрүп, чынында алар, саясий жактан жалпы бийликти кармап турган «чоң бийдин” башкаруусуна моюн сунушкан. Кыргыз коомунда бий гана жогорку бийликти кармап турган. XVII–XVIII к-да ар бир канат, өзүлөрүнүн арасынан бирөөнү чоң бийге шайлашкан. Чоң бий иш жүзүндө уруулук бирикмелердеги саясий жетекчиликти колго алып башкаруу маселелерин жүзөгө ашырган жана согуштук жагдай түзүлгөндө башкы аскер башчылыкты да колуна алган. Ага иерархиялык негизде уруулардын бийлери баш ийген жана кайсы бир деңгээлде көз каранды да болгон. Көкүм бий элдин башында турган мезгилде коомду саясий уюмдаштыруунун ушундай калыптагы системасы кыргыз этносаясий чөйрөсүндө калыптанган.
Башкарууну ишке ашырууда мындай жагдай жеке бийликке жол берген эмес. Тактап айтканда, бийлик белгиленген функцияларды аткаруу менен ар кандай олуттуу маселелерди чече келгенде, жогорку башкаруучу саналган чоң бийге эл акыл салып, калган учурларда уруулардын өз алдынчалыгына жол берилген. Бирок, түндүк кыргыз урууларынын саясий түзүлүшүнүн андан ары бекемделишине, ички саясий жана географиялык жагдайлар менен кыргыз конуштарын калмактардын басып кириши терс таасирин тийгизген.
Бий уруулар арасындагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу менен керектүү учурларда уруулук чыр-чатак маселелерди, ички жарандык иштерге тиешеси бар кылмыштарды нарк жана адат-салт укуктарынын негизинде чечкен. Алсак жылкы тийип барымтага алган жана эр өлтүргөндөн баштап үй бүлөлүк иштерге байланышкан маселелерге чейин бий кийлигишип бүтүм кылган. Эрежеге ылайык бүтүм чыгарганда тогуздап малдан айып салынган. Тогуздун бирин бий алган.
Көкүм бийдин тушунда жалпы оң канаттын жөнүн Манап бий билген. Маалыматтарга караганда экөөнүн даражасы бирдей эле болгон. Бирок жогоруда белгилегендей жалпы оң менен сол Көкүмдү чоң бий катары кабыл алышкан. Алар эл бийлеп турган чакта, кыргыз-казактын калмактарга каршы биргелешкен күрөштөрү башталган. А.В.Моисеевдин изилдөөсүндө Ишим хан калмактарга каршы 1610-жылдардын аягында, ошондой эле 1620-1625-жылдары аттангандыгы жана бул жортуулдарда калмактарга катуу сокку урулгандыгы айтылган[8]. 1620-жылдардагы жортуулдарга кыргыздар да катышкан болсо керек. Б.Солтоноев келтирген маалыматтарда Эр Эшим башында турган кыргыз-казак күчтөрүнүн калмактарга каршы согушунда, арка кыргыздарынын башчыларынын бири Манап аттуу инсан болгондугу жана ал Иле боюндагы калмактар менен болгон согушта курман болгондугун баяндайт[9].
Ишим хандан кийинки эки элдин ынтымагынын бузулушуна Көкүм бийдин өлүмү себеп болгондугу Алымбектин санжырасында эскерилет. Ал тууралуу кийинки окуялардан улам эскерилген мындай бир маалыматка көңүл бурсак. Анткени 1760-70-жылдарда кыргыз казак элдеринин ортосундагы мамиле тынч болгон эмес. Ушуга байланыштуу улуу жүздүн башчысы Төлө бий, Жоогач баатырды Абылайга жиберип кыргыздар тынчтык бербей жатканын арызданганда: «Бир жагым Кокон, бир жагым Кытай, бир жагым орус. Азыраак кыргызга кызыкпай тим турсак дедим эле. Казак-кыргыз бир урук эл элек, Байтик күнүлүк кылып, Көкүмгө уу берип, ошондон бузулду ортоңор. Огон сендер Байтикти ээрчип, Ташкенге ээ болобуз деп, ошол себептүү кыргыз-казак ортосу бузулган, ошол иштин аягынан пайдаланып, калмак келген. Калмактан качып, казак Букар кирген, кыргыз Ысар кирди ак таман чуурунду атка кондуңар. Калмактан жаңы кутулуп отурганда кыргыз жерине кызыгып, муну баштап отурасыңар. Кокон, кытай, орус: ошол үчөөнүн бири кол салса, мурунтан бир тукум боз үйлүүнүн баласы элек, бир кереги тиет эле го сүйлөшсөк кыргыздын»[10],– деген экен хан.
Бул тууралуу Б.Солтоноевде дагы кызыктуу маалыматтар кездешет. Анда мындай деп айтылат: «Жанкороздун балдары Көкүм менен Корчу баатыр чыгып, бүтүн кыргызды бийлеген. Корчунун баласы Түлкү, анын баласы Кантейиш. Эшим хандын карындашын бир кабарда кызын алган. Андан туулган Аккочкор, Каңкы. Көкүмдүн баласы Куттуксейит жана Иман. Эшим хан Турсунду өлтүрүп, Ташкенге Көкүмдү улук кылган. Кийин Көкүмдү казактар өлтүргөн соң кыргыздар казакты Ташкенден айдап чыгып, Букардын ханынын уруксаты боюнча Күржүнүн небереси Түлкүнүн баласы Тейишти хан көтөргөн. Ошол катаган же Абылай согушунда болмогу керек. Багыш кыргызында Кабай жана Бейшим деген баатырлар болгон[11]».
Багыштардын санжырасында Көкүм бийдин урпактарына байланыштуу айтылган окуялардагы айрымачылыктарга карбастан, анын тарыхый өзөгүндө чындыктын бар экендигин баамдоого болот. Мында Көкүм бийдин Ишим хандын союздашы гана болбостон аны менен куда-сөөктүк жакындыктары да бар экендигин көрөбүз. Экинчи жагдай мында эки тараптын ортосундагы мамилелерге Бухара хандыгынын кийлигишкендиги тууралуу да сөз болууда. Ушул окуяларга байланышкан жазма булактардагы маалыматтар, өзгөчө эки элдин Сыр дарыянын аймагындагы калаалар үчүн шейбанилерге жана аштархандарга каршы биргелешкен күрөштөрүн А.Мокеев монографиясында терең изилдеген[12]. Автордун пикиринде Ишим хандан кийинки казак султандарынын союзунун кулашынын башкы себептеринин бири, жогорку бийлик үчүн болгон жаатташкан күрөштөр болгон. Көкүм бийдин өлүмүнүн башкы себептери да ушул окуяларга байланышкандай жана кыргыз бийлеринин казак султандарынын ич ара келишпестиктерине тиешеси бар экендигинен кабар бергенсийт.
Санжырада айтылган бул кабарларга ылайык Ташкендин айрым бөлүктөрүнүн ээлеп турган кыргыздардын сүрүлүп чыгышы жана ага аймакташ жайгашкан кыргыз конуштарын казактар ээлеп алышы менен аяктаган[13].
Бул окуяда чанычкулу уруусунан чыккан кара Байтиктин эскерилгени, анда жеке эле Ташкентти ээлеп калуу эмес, буга чейинки чанычкулу жана катаган урууларын жетектеген Турсун ханга каршы күрөштө Көкүм бий Ишим хан тарабында болуп, аны колдогондугуна байланышкан. Балким ошондон ичинде кеги калган чанычкулу кара Байтиктин Көкүм бийге кол салганы, казак султандарынын өз ара келишпестигинен кыргыз башчылары четте калбагандыгын айгинелейт. Бирок мындан кийинки кыргыз-казак мамилелери курчуп кеткен эмес. Ч.Валиханов жазган маалыматтарда кыргыздарды жана казактарды Эшимдин небереси Тооке Жаангер уулу, Көкүм бийдин уулу Тейиш бий менен башкаргандыгы айтылат[14]. Санжырадагы кан Тейиш деп айтылган айрым бир маалыматтар чынында анын эл бийлеп турганынан кабар берет. Көчмөндөрдөгү бийликтин салт-эрежесине ылайык Көкүмдөн кийин бийликти уулу, балким небереси Теиш бий мурастап калган.
Жуңгар-калмактардын баскынчылыгынын мезгилиндеги окуяларда багыш уруусуна байланыштуу айтылган бир катар маалыматтар учурайт. Белек Солтоноевдин жазганы боюнча Алматы чөлкөмүндө 1685-жылы калмактар менен беттешип кыргыздын бир-нече атактуу баатырлары курман болуп, алардын ичинде багыш кыргызынан Аккочкор менен Каңкы жана Чоботой, Семетей деген баатырлар болгон. Ушул окуянын соңу кыргыздар жапырт үркүп Анжиянды бет алып качкандыгы айтылат[15]. Уулдарынын өлгөндүгү жана окуя тууралуу кан Тейишке «Аккочкор балаңыз калмактан өлдү» –деп кабар бергенде, атасы «Аккочкор өлсө Каңкым бар», деген. «Каңкың дагы өлдү»–дегенде: «Каңкым өлсө кантейин, кан Тейиштей даңкым бар»,–деп айткан экен. Бирок аталган баатырлардын казак кара Байтиктин колунан өлгөндүгү тууралуу маалыматтар да айтылат. Супатай уулу Амандын айтуусундагы санжырада «Каңкы, Аккочкор (Абыл) баатыр болгон. Жаңыл мырзадан өлүшкөн алты баатырлардын: Үчүке, Түлкү, Атакозу, Чабак, Үлбүрчөк, Дөңгөйдүн кунун кууп Жаңыл мырзаны кармаган Аккочкор, Каңкы экөө тең казак Кара Байтиктин колунан өлүшкөн», – деп айтылган[16]. Сыягы бул окуялар тарыхта удаа болуп өткөндүктөн элдин эсинде бири-бири менен байланыштуу айтылып калса керек.
Окуянын мындан аркы жүрүшүндө кан Тейиштин арка кыргызындагы бийлиги төмөндөй баштап, сарбагыш кыргызы Кудаянды хан көтөрүшкөн. Бул мезгилде кыргыздын көбү Анжиянга кирип, азыраак бөлүгү көчпөстөн калмактын колунда калып анын мал-жанын багып оокат кылышкандыгы айтылат. Анткени агалары Үчүкө жана Түлкү баатырлар өлгөндөн кийин элди Кудаян бийлеп, ал өзүн сынатмакка Санчы сынчы аттуу белгилүү адамды чакырып: «Кана, сынчы, мени сына» – дегенде, «Каным, сизге сын жок, сынабаймын», – деген экен. «Кудаян көжөлүп, жок сынагын, дегенде, Санчы береги эки жетимге Мааматкул менен Тынайга өчөшүп жатасын, ошол экөө элдин туткасы, сенин жолуң жаман, элди кара көпөлөк айдайт», – деп айтылат санжырада. Кудаян бул сөздү көтөрө албай сынчыны төбөгө коюп жиберген экен. Сынчынын койнунан ак коену чыгып кеткен имиш, ошондон кийин Санчы сынчы жөнөкөй адам болуп калат. Көп узабай элди кара көпөлөк айдап, Кудаян жортуулга жөнөйт. Эл кыйынчылыкка дуушар болот. Кудаян өзү чабуулда, Сыр дарыянын аркы өйүзү – Кожентте өлөт. Бул окуя казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө киргенде болгон[17]. Уламыштын өзөгүндө жуңгар-калмактардын кысымынан XVII к-дын акыркы чейрегинде кыргыздардын Ферганага көчкөндүгү тууралуу окуялар чагылдырылган. Бул окуялардагы багыш уруусуна байланышкан айрым маалыматтардын эскерилгендигине жогоруда токтолдук. Бирок эл оозундагы маалыматтарда жылдары боюнча айрымачылыктын чыгып калышы мүмкүн. Б.Солтоноевде 1785-жылдардагы окуяларда Тейиш бийдин эскерилиши жана ал уулдары Аккочкор жана Каңкы баатырдан ажыраган деген маалыматтар, балким кийинки окуялар менен байланыштырылып калышы ыктымал. Анткени Тейиш бий элди Кудаянга чейин бийлеп жатпайбы. Тарыхчынын жазган маалыматтарында Аккочкор, Каңкы менен бирге багыш кыргызынан чыккан Чоботой жана Семетей баатырлардын калмактарга каршы күрөшүндөгү эрдиктери баяндалган. Семетейдин жээни Карагул таякелеринин канын кубалап Ферганага жол тартып бараткан калмактын калың колу менен беттешип кырылган. Бул окуяга байланыштуу «Чоң тору минген, Чоботой ботом, чоюлган кыраан Семетей ботом, чын жолборсум Карагул ботом», – деп Карагулдун энеси кошкон экен[18]. Кетмен-Төбөдөгү бир кабарда Өзгөндөгү калмактар менен согушта сол кыргызынан Кожожаш, багыш уругунан Табылды баштык жана бир далай кыргыз жигиттери кырылгандыгы аталган эмгекте баяндалган.
Багыш уруусун бийлери Кокон хандыгынын саясий турмушуна жигердүү катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Багыштардын ичинен кокондун даткалык даражасын алган: арык багыштан Бешкемпир датка, куттуксейиттен Стамбек датка, найман багыштан Сарымсак жана Сарыбай датка, ак көйнөктөн Шамырза жана Момун даткалар чыккан[19]. Аталган бийлердин катарында Сарымсак датка Кокон хандыгынын ордодогу саясий иштерине жигердүү катышып, 1863-ж. молдо Алымкул менен бирге Кудаяр хандын ордуна өспүрүм Султан Сеидди тактыга олтургузууда чечүүчү роль ойногондордун бири болгон[20]. Бирок 1864-ж. июнь айында Черняев Кокондун Олуя-Ата чебин алгандан кийин Чаткал өрөөнүндө молдо Алымкул тарабанан орустарга каршы даярдалып жаткан кыргыздардын колун талкалоо үчүн жеңил куралданган полковник Лерхенин отряды жөнөтекөн. Орус отряды Кара-Буура капчыгайын өрдөп олтуруп Чаткалга ашып түшүп, кокондуктардын Чыназ коргонунун талкалашкан. Өрөөндөгү саруу, багыш, кытай, кушчу урууларынын эсебинен орустарга каршы күч топтоо үчүн кокон отряддары да Чаткалга келген.
Бирок, орус отрядынын жакындап келгендигинен чочулап алар кайра кайтып кетишкен. Мындай жагдайда орус отрядына каршылык көрсөтүүгө күчү жетпестигине ынанган айрым кыргыз бийлери (мисалы: саруулардан Кыдыралы, Эгемберди, Сатыман) Олуя-Атага барып орус бийлигин тааныганга аргасыз болушкан. Тескерисинче алардын катарында багыш уруусунун бийи Сарымсак датка, молдо Алымкулдун колдоосу менен орустарга каршылык көрсөткөнгө аракет кылган. 200 гө чейин куралдуу жигиттерден кошуун чогултуп бийик тоонун тереңин карай өрдөп, орустар менен беттешүүго даярданган. Лерхе, Сарымсак даткага тынчтык келишим түзүү сунушу менен өзүнүн өкүлдөрүн жөнөткөн. Бул сунушту кабыл алуудан баш тарткан Сарымсак датка катка жооп бербей аларды кубалап жиберген. Датканы кармап келүү үчүн Лерхе атчандар взводун жөнөткөн. Бирок, алардын келе жатканы тууралуу кабар алган Сарымсак датка изин жашырып кеткен. Молдо Алымкул Ташкенде чоң күч топтоп Чымкент, Олуя-Ата жана Түркстанды кайтарып алуу үчүн орустарга каршы чечкиндүү аракеттерди ишке ашырууга даярдык көрүп жаткандыгына байланыштуу, Лерхенин отряды Олуя-Атага кайтып кеткен. Бул окуядан көп узабай уруулаштарынын кеңеши менен Сарымсак датка дагы орус бийлигин тааныганга аргасыз болгон. 150 түтүн багыш уруусунун атынан орус букаралыгын кабыл ала тургандыгын билдирген жана КараБуура тоолорунун аймагындагы Бакайырды конуштап жайлаганга улуксат сураган. Акыры Черняев анын өтүнүчүн канааттандырган[21].
Ак көйнөктөн чыккан Шамырза жана Момун даткалар тууралуу айтканда, сөз атасы жана уулу тууралуу жүрүп жаткандай. Айрым изилдөөлөрдө Момун Шамырза уулу менен курамалык Абдымомунду бир инсан катары карап жүрүшөт[22]. Бирок чынында маалыматтарда көтөрүлүштү жетектеген эки башка инсан тууралуу сөз жүргөндөй. Албетте экөө тең 1874-1875-жылдардагы Кокон хандыгына жана андан кийин Россиянын басып алуусуна каршы көтөрүлүштөрдүн көрүнүктүү башчылардан болушкан. Курамалык Абдымомун молдо Искак Асан уулунун саясий иштерге аралашууга шыктандырып жол көрсөтүүчү гана болбостон, аягына чейин көтөрүлүш мезгилиндеги Пулат хандын ишенимдүү жанжөкөрү катары калгандыгы белгилүү. Маалыматтар Абдымомун тууралуу жазганда кайсыл элден экендигин көрсөтүп курамалык деп белгилешкен.
Ал эми багыш Момун Шамырза уулунун элди көтөрүлүшкө алып чыккандыгы тууралуу маалымат 1875-жылдын август айындагы Чаткал өрөөнүн каратууга багытталган орус аскердик экспедициясынын жүрүштөрүндө эскерилет. Бул тууралуу Олуя-Ата уездинин башчысы Гераунун Сыр дарыя облусунун аскер башчысы полковник Чемерзинге жазган билдирүүсүндө мындай деп айтылган: «Кара-Буураны түшүп Чаткалга ашуучу өткөөлдөрдүн биринде турам. Бул жерде Аяш менен Момундун кесептеринин бир тобу жыйналган, аларда элдин саны канча экендиги мага белгисиз, чалгынчылар 1000 киши деп айтышат, калган 5000 кесептер Пскент тоосунда жатышат, айтканга караганда алар Чаткалды ашып келген 1000 киши менен биригишет. Алардын көздөгөнү Кара-Буурага чыгуу. Эртең 21-августта кесептерге жолукканы чыгамын. Отряддын курамы 70 киши жөө аскерлер жана 62 казакорус. Биздин кара кыргыздар, козголоңчулардан биздин бийликке биргелешип каршы чыгуу тууралуу чакырууларын алышты. Эгерде өзүмдүн отрядым менен кесептерди Чаткалдан сүрүп чыксам, анда чек арадан Чонам ашуусунан ары жагында жаткандарга кол салыш керек. Мындай экспедицияны ишке ашырууга мага кошумча күч керек».
Мында окуянын жүрүшү багыш уруусу жайгашкан конуштары жана жерлери тууралуу гана жүрүүдө. Көтөрүлүшкө чыккандардын кийинки окуясы штабс-капитан Поздняковдун Чемерзинге жазган билдирүүсүндө орун алган. Анда чоюн ээритип куючу заводдун приказчиги татар Чавкиндин билдиргенине караганда кыргыз Момун жетектеген Чаткал суусунан келген кесептер чоң жолго чыгып моюн сунбай жаткан элди талап-тоноп жаткандыгы айтылган. Мындан кооптонгон заводдогу жумушчулар качып кетишкендиги айтылган. 22-күнү келген кыргыз Идмымдын билдиргенине караганда сарт Сеит Матанын заводунан жумушчуларды таппагандыгын жана ишкана талкаланып, таланып-тонолгондугун билдирген.
«Чирчик дарыясынын сол жээгиндеги 8 верстадай Мазар Идрис жана Терс дарыясынын аралыгындагы аянтта кыргыз Момунга караштуу үйлөр жайгашкан. Момун чөлкөмдөгү баардык жергиликтүү кыргыздардын жана кокондуктардын арасында таасирдүү киши, анын кол алдында ага берилген жана мал-жан азыктар, кийим-кечек, акча жана башка талап кылынган мүлк менен камсыз кылган Намангандын көпөстөрүнүн 13 кишиси турат»[23]. Штабс-капитандын билдирүүсүнүн мындан аркы саптарында Момун өзүнүн кесептерин ар кайсы жактарга чаптырып талап-тоноп жаткандыгы жана моюн сунбаган айрым волосттук башкаруучуларды барымтага алып кетип, алтургай өлтүрүүгө чейин барган катаал чараларды көрүп жаткандыгын белгилеген. Ошого карабастан Ташкендин жана башка жерлердин кыргыздары колуна эмне курал тийсе ошону менен Момундун кесептерине кошулуу үчүн кетип жаткандыгын айткан.
Чаткал өрөөнү бул мезгилде Россиянын колониялык бийлигинин чектерине кирип калгандыгына карабастан, көтөрүлүшчүлөрдүн негизги базасына айлангандыгын жогорудагы маалыматтардан баамдасак болот. Ушул маалыматтарды изилдеген Б.Жамгырчиновдун келтирген документалдык кабарларда, кылмыш жасаган Момун Курама уездинен Олуя Атага изин жашырып ал жактагы туугандарынан жана таасирдүү адамдарынан колдоо алуу максатында кеткендиги айтылган[24]. Мында сөз Момундун Чаткалдагы уруулаштарынан колдоо тапканы кеткендиги тууралуу жүрүүдө. Демек Момун Шамырза уулу падышачылык Россиянын каратып алуусуна каршы чыккан көтөрүлүштүн көрүнүктүү жетекчилерден болгон.
Биз багыш уруусу тууралуу маалыматтарды иликтөөдө генеалогиялык санжыралар боюнча аталган урууга таандык кылынган, бирок башка уруулардын курамында туруп калган айрым топтор тууралуу да сөз кылсак. Маселен суу мурун уруусу солтолордун курамына кирет. Алардын көбү солто уруусунун ичинде Бошкой тукумдары менен Ысык-Атада турушат[25]. Легенда боюнча суумурундардын түпкү аталарынын бири Кайдоолду Эштек баатыр түштүктөн алып келген[26]. Кийинчерээк анын бир тууганы, Карачоронун уулу Нурмамбет издеп таап солто ичинде туруп калышкан[27]. Кайдоол менен Нурмамбетти эки атанын б.а, Карачоронун Балта, Түйтө деген балдарынын тукумдары катары көрсөткөн санжыранын варианттары бар[28]. Сарыбагыш уруусунун курамындагы келдике уругун дагы багыштарга таандык деп эсептешет. XIX к. келдике уругунун бий Абдыр баатыр жетектеген тобу Ормон манаптын, Истамбек бий жетектеген тобу Төрөгелди манаптын карамагында турушкан[29].
1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусун түзүү процессинде жалпы кыргыз элинин этностук курамын иликтөө, жыйноо жайгашкан жерлерин аныктоо жана чек араларын тактоо максатында атайын илимий экспедициялык иштер жүргүзүлгөн. Ал экспедициянын катышуучусу Н.С.Ладушев өз колу менен жыйнаган баалуу материалды илимдер академиясынын кол жазмалар коруна тапшырган. Анда багыш уруусунун жана анын курамына кирген топтордун жайгашкан волосттору (жерлери) тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтарды берилген.
Кара-Буура волосту – багыш; Лебединов волосту– солто ичинде тогузак-суумурун; Токмок волосту: саруу – баарын; Нарын волосту–сарыбагыштардын ичинде келдике; Көгарт волосту – тагай: багыш; Арым волосту-тагай: багыш; Багыш волосту: чычар, барын; Баястан волосту – тагай: багыш, куттук-сейид; Чаткал волостутагай: багыш (куттук-сейид): актондуу, сарыктай, гертеней, моңол, ак көйнөк, кыпчак, чалке; куттук-сейид волосту: тагай-багыш (куттук-сейид): моңол, кыпчак.
Кол жазмада багыш уруусунун жайгашкан кыштооконуштары тууралуу да төмөндөгүдөй маалыматтар учурайт: Көгарт-1: Карагоо, Сарыбулак, Жалгыз-Жаңгак, Шоро-Адыр, Кызыл-Сеңир, Чоң-Дөбө, Мамасадык, Карылгач.
Карой, кл. (кл– балким кладбище?) Сарыбел, Жаңгыз-Жаңгак, Кашка-Терек. ар. (ар – чечмелөөгө мүмкүн болбоду) Кызыл-.., Чоң-Төбө, Сыдык…
Арым -3: Уста-Сай, Гүлдарек, Сары-Булак, Жоон-Сөгөт, Чолок-Терек, Тамга-Терек, Карал-Төбө, Жаргылчак, Ултан-Камыш. Жоон–Суу, Чолок-Терек, Узун-Акмат. кл. Уста-Сай, Сары-Булак, Кара-Күңгөй, Жаргылчак, УлтанКамыш, Аяктык.
Чаткал–5: Терс, Сары-Булак, Аут-Сай, Орто-Жар-Капчыгай, Шамалды-Сай, Кайың-Суу, Кара-Суу, Чуңкурчак. Сары-Булак с, Капчыгай, Чаткал, Кайың-Суу, Кара-Суу. кл Терс, Аут, Ак-Терек, Шамалды-Сай, Чуңкурчак[30].
Макалада келтирилген маалыматтар кайсы бир деңгээлде багыш уруусунун тарыхын аздыр-көптүр чагылдырат деп айтууга болот. Анткени кыргыз урууларынын тарыхын изилдөөнүн булактык базасы өтө эле жакыр жана жазма даректерде ал тууралуу маалыматтар дээрлик аз учурайт. Бирок биз таяна турган элдик генеалогиялык тарыхый кабарлардын айланасында ой жүгүртүү өз натыйжасын берери талашсыз. Биз санжырадагы маалыматтарды кыргыз коомунун саясий жана этникалык тарыхын изилдөөдөгү бирден-бир булак экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Учурунда көрүнүктүү окумуштуу-этнограф С.М.Абрамзон бул багытта баалуу илимий изилдөөлөрдү ишке ашырып кеткен. Эми кыргыз тарыхы илиминин алдындагы максаты аны улантуу гана эмес, элдик тарыхый билимдерди жана маалыматтарды булак катары пайдалануунун илимий-методикалык негиздерин иштеп чыгуу жана аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө байланышкан.
[1] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер. –Бишкек, 1999. –30-б.
[2] Үмөт молдонун архивинен көчүрмө // КР УИАнын кжф, №191
[3] Материалы по истории киргизов и Киргизии. Вып. 1. –М., 1973. –С. 208-209.
[4] Айтбаев М.Т. Кыргыз элинин чыгышы жөнүндө легендалар // КР УИАнын кжф, № 4095. –33-б.
[5] Супатай уулу Амандын санжырасы. Талаа дептери. 1993-жыл, 14-июль.
[6] Валиханов Ч.Ч. Собр., соч. В пяти томах. –Т. 2. –Алма-Ата, 1985.
–С. 60-170.
[7] Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө, –281-б.
[8] Моисеев В.А. Джунгарское ханство и казахи. XVII–XVIII вв. – Алма-Ата. 1991. – С.25-27.
[9] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. –1-китеп.
Бишкек, 1993. –108-б.
[10] Алымбектин сажырасы. (Абылай хандын доорундагы кыргызказак мамилеси. XVIII к-дын окуялары). –Бишкек, 2006. –41-б.
[11] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. – 1-китеп. – 108–109-б.
[12] Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. –Бишкек, 2010.
– С. 193-204.
[13] Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө. –281-б.
[14] Валиханов Ч.Ч. Собр. соч. В пяти томах. -Алма-Ата, 1985. –Т.2.
-С.170.
[15] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. –111-б.
[16] Супатай уулу Амандын санжырасы.
[17] Супатай уулу Амандын санжырасы.
[18] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. –118-119-б.
[19] Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө. 67-б.
[20] Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство. –Фрунзе, 1977.
–С. 169.
[21] Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России. –М.,1959. – С.290-291.; Ошол эле, Очерки политической истории Киргизии XIX века. – Фрунзе, 1966. –С. 247-250.
[22] Караңыз; Кененсариев Т. Кыргызстандын Россияга каратылышы. –Бишкек, 1997. –198-199.; Кыргызстан –Россия. История взаимоотношений (XVIII – XIX вв.). Сборник док. и материалов. –Бишкек, 1998. –С. 448.
[23] Кыргызстан –Россия. История взаимоотношений. –С. 348.
[24] Джамгерчинов Б. Очерки политической истории Киргизии XIX века. –Фрунзе, 1966. –С. 350..
[25] Абрамзон С.М. Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии // ТКАЭЭ. Т. IV. –М., 1960. –С. 60-61.
[26] Супатай уулу Амандын айтуусундагы санжыра.
[27] Солто уруусунун санжырасы. КР УИАнын кжф №239. –3-б.
[28] Айтбаев М.Т. Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндө легендалар…137-б.
[29] ЦГА РК, Ф.№374, Оп. №1, Дело №1669, Л 130.
[30] Ладушев Н.С. Материалы по изучению родового деления киргиз // КР УИАнын кжф № 1663.
РЫСКУЛ ЖОЛДОШОВ
БИШКЕК ТАРЫХЫЙ ИНСАНБЫ?
(тарыхый тактоо)
Шаардын түптөлүшү
Бишкек аталышы эң биринчи кезекте Кыргыз мамлекетинин борбор шаарынын аталышы болгондуктан, бул сөздүн этимологиясы, шаардын аталып калышынын тарыхы көптөгөн адамдарды кызыктырып келет. Кыргыз жеринде Бишкек деп аталган аймакка адегенде Кокон хандыгы аскердик чеп курган. Кийин Россия империясы Кыргызстанды басып алгандан кийин Кокон чеби шаарга айланып, орустар тилине ыңгайлап аны Пишпек деп атагандыгы шаардын атынын айланасында талаш пикирлерди жараткан. Каралган маселе түшүнүктүү болуш үчүн, Бишкек шаарынын тарыхына кененирээк токтолууга болот.
Шаар адамдардын жашоосуна бир топ ыңгайлуу шарттары бар географиялык аймакта жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк өңүрүнөн түндүккө карай агып түшкөн Аламүдүн жана Ала-Арча өзөндөрү, тоо этектеринен Чүй дарыясына чейинки талааларга жан киргизип, жашылдандырып турат. Бул аймак адамдардын чарба жүргүзүүсүнө өтө ыңгайлуу болуп, ал жерлер дыйканчылык кылууга жана ошондой эле мал багууга кенен мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол себептен Аламүдүн, Ала-Арча суулары менен алардын куймаларын адам баласы тээ байыркы мезгилден бери эле мекендеп келген. Археологиялык казуулар далилдегендей, адамдардын алгачкы турак жайлары Бишкек шаары жайгашкан аймакта б.з.ч. VI-V миң жылдыктарда эле болгон. Орто кылымдарда болсо азыркы шаар жайгашкан жерде археологдордун аташы менен «Ключевка», «Кузнечная крепость», «Төкөлдөш-I», «Төкөлдөш-II», «Маевка», «Кара-Жыгач» шаарчалары же адамдардын турак жай калдыктыры (төрткүл же чалдывар) табылган. Караханилердин мезгилинде «Джуль» (Чөл же Жал) жана Тарсакент деп аталган көлөмдүү шаарларда адамдар жашаган. Жуңгар-калмактарынын чабуулдарынан кийинки мезгилде Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын аралыгындагы жерлер кыргыздын солто уруусунун ээлигине кирген [7; 17]. XIX кылымдын биринчи чейрегинде Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн өзүнө каратууга аракет жасай баштаган. 1825-жылы Кокондун ханы Мадалы-хандын буйругу менен аскердик чеп курулган [7; 18]. Чепте 100дөн 500гө чейин кокон аскерлери «сыпайлар» жайгашып, алардын башкы максаты кокондуктардын соода кербендеринин коопсуздугун көзөмөлдөө жана жергиликтүү көчмөндөрдөн мусулмандык милдет болгон зекет жыйноо болуп эсептелинген. Чеп жердин аталышы менен Бишкек чеби деп аталган.
XIX кылымдын ортосунан тартып Орус империясы кыргыз жерин куралдын жардамы менен басып кирген. Ошонун натыйжасында Чүйдөгү кокондуктардын чебин түп орду менен талкалаган орус аскерлери, 1864-жылы чептин ордуна аскердик бекет негиздешкен. Ал акырындык менен орус аскер адамдары жана келгиндери, ошондой эле соода кылган сарттар (уйгур, өзбек) тарабынан кеңейип, ири айылга айланган. Орус тургундары кыргыздардын Бишкек деген аталышын өздөрүнүн тилдерине ыңгайлап Пишпек деп атай баштаган. Географиялык жактан Токмок шаарына караганда бир топ ыңгайлуу шартта болгондугу үчүн 1878-жылдын 29-апрелинде уезддин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусун беришкен. Ал мезгилде Бишкекте болгону 58 үй-бүлө жашап, бардыгы 182 киши болгон. Алардын арасынан 22 соодагерлердин, 3 кол өнөрчүлөрдүн, 1 казак-орустун, 1 солдаттын үй-бүлөсү болуп, калгандары дыйкандардан турган. Калктын курамы орус, татар, өзбек, уйгурлардан куралган. 1882-1883-жылдары Иле аймагынан көчүп келишкен миңге жакын дунгандар Бишкектин калкынын санын көбөйткөн. Ушундан тартып азыркы Бишкек шаарынын тарыхы башталат [7; 19].
Совет жылдарында Бишкекте туулуп өскөн белгилүү аскер башчысы, большевик-революционер М. В. Фрунзенин урматына «Пишпек» шаарын 1926-жылдын 12-майында «Фрунзе» шаары деп өзгөртүшкөн. 1936-жылдан тартып Фрунзе шаары Кыргыз Советтик социалисттик республикасынын борбор шаары болуп калат. СССР кыйрап, кыргыз эли өз алдынчалыкка жеткенден кийин гана 1991-жылдын 5-февралында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин чечими менен шаар өзүнүн тарыхый аты Бишкекти кайтарып алган. Бишкек шаарынын атынын кайтарылып берилиши менен кошо, карапайым адамдардан тартып, адистерге чейин шаардын аталышы боюнча кызуу талаш башталды.
Шаардын аталышы боюнча талаш-тартыштар
Талаштын чордонун бир жарым кылымга жакын орус документтеринде кыргыздын «Бишкек» сөзү «Пишпек» болуп жазылып келиши түзүп турган. Чындыгында орус тилинде мындай жазылыш, кыргыздардын «бишкек» сөзүнүн орусча бурмаланган калькасы экендиги эч талаш жаратпашы керек. Себеби XIX кылымдын ортосундагы орустардын алгачкы документтик маалыматтарында алар «бишкек», «пишкек» жана «пишпек» деп ар түрдүү формада жазып колдонушкан [23; 12]. Бул «бишкек» терминин кийинчерээк орус тилинин грамматикалык мыйзамдарына ылайык «пишпек» формасында колдонулуп калгандыгын далилдейт. XIX-XX кылымдардын аралыгында жашаган кыргыздын айрым кат тааныган инсандарынын кол жазмаларында да, ошол мезгилдеги Россиялык жазуу маданиятынын таасиринен улам, бирде «Бишпек», кээде «Пишкек» же «Бишкек» формаларында жазылып келгендиги кездешет. Карапайым кыргыздар деле чет тилден кирген Фрунзе аталышын оозеки тилде «Боронзо» же «Бурунзе» деп кыргыз тилине ыңгайлаштырып айтып келишкен.
Бирок буга карабастан, айрым изилдөөчүлөр терминдин түпкү маанисин бурмаланган формасынан издөөгө аракеттенишкен. Мисалы, топонимист Эдуард Мурзаев өзүнүн китебинде казак изилдөөчүсү Э. Койчубаевдин 1963-жылы эле казак тилине ыңгайлаштырып «Пишпек» топониминин этимологиясын «пиш» (беш) жана «пек» («беек» казак тилинде бийик) деген эки сөз айкалышынан тургандыгын көрүп, анын маанисин «беш бийик» деп чечмелөөгө аракеттенгендигин жазган [14]. Мындай чечмелөөнү бир дагы адис лингвист колдоого алган эмес. Терминдин этимологиясын тилдин мыйзамдары боюнча чечмелөөгө зор эрудициялык билим жана тактык талап кылынат. Ал эми терминдин маанисин башка тилге бурмаланган котормодон издөө натыйжалуу жыйынтыктарды бербей тургандыгы белгилүү.
Борбор шаардын негизделиши менен курулуш тарыхына арналган өзүнчө илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алсак, Кыргыз ССРнин Илимдер академиясындагы Тарых институтунун илимий кызматкери В. Я. Галицкий борбор шаарыбыздын 1878–1917-жылдардагы тарыхын чагылдырган эмгегин 1980-жылы басмадан чыгарган [6].
Кыргызстан суверенитеттүүлүк алган мезгилден кийин деле, сөздүн этимологиясын «Пишпек» термининин базасынан издөөгө аракеттенишкен айрым адистер болушту. Алсак тарыхчы Д. Сапаралиев алгач жазган макалаларында «Пишпек» кыргыздын «беш бек» деген сөзүнөн пайда болушу мүмкүн деген ойду айтса [23; 2-3], географ Т. Эшенкулов түрколог-тилчи окумуштуу Сагалы Сыдыковдун пикирине таянып, топонимдин түпкү мааниси моңгол-ойрот тилдериндеги «биштек» сөзүнөн жаралып, « бир же жалгыз тоо» маанисин бериши мүмкүн деген божомол жасаган [32; 5]. Мындай божомолдор адистер тарабынан колдоого алынган эмес жана алар кошумча далилдер менен бекемделген жок.
Сөздүн айтылыш үндөштүгүнө карап ар түрдүү логикалык божомолдорду жаратса болот. Ошол эле Д. Сапаралиев «Пишпектин» дагы бир маанисин эски перси тилиндеги «пиш» (учтуу, шиш) жана «кух» (тоо) термининен көрүп, перс тилиндеги «пишкух» кыргызча «пишкек» болуп калышын жазган [23]. Бул божомолдо перси тилин таптакыр билбеген автор лингвистикалык кайсыл мыйзам боюнча аталыш кыргыз тилине өткөндүгүн көрсөтпөйт же тарыхый фактыга таянбайт. Болгону аталыш жөнүндө логикалык ой жоруйт. Перси тилинен кыргыз тилине кирген терминдер кыргыз тилинин мыйзамдары
на ылайык өзгөрүүлөрүн эске албаган Сапаралиев «Пиш кухтан» кыргызча «Пишкек» термини жаралган деп далилдөөгө аракеттенет. Биринчиден, түндүк кыргыздарынын тилдик диалектисинде «п» тыбышы сөздүн башына колдонубастыгын эске албайт. Мисалы «пычак» эмес «бычак», «пешик» эмес «бешик», «палван» эмес «балбан», «парпи» эмес «барпы». Экинчиден, жалпы кыргыз тилинде «х» тамгасы көп колдонулбайт. Чет тилдерден кирген терминдерде «х» тамгасы, өзүнөн мурда келген үндүү тыбышка кошулуп айтылып, созулма үндүүгө айланып кетет. Мисалы фарсы тилиндеги «Шахрух» сөзү кыргызчада алгачкы «х» алдындыгы үндүүгө кошулса, аякы «х» кадимки «к» добушуна өтүп кетет. Шахрух кыргыз тилинде Шоорук болуп калат. Махмуд Маамыт, шах шаа ж.б. мисалдарды көрсөтсөк болот. Сапаралиев айтып жаткан «кух» (тоо) сөзү «куу» формасына өтөт. Алсак, Алай тоосун перстер «Алай кух» деп аташкан. Перстерден кайра кыргыз тилине өткөн бул термин «Алайкуу» деп колдонулуп келе жаткандыгы буга ачык мисал болот. Демек Сапаралиевдин персче «пишкух» термини кыргыз тил мыйзамына ылайык «пишкек» эмес «бишкуу» болуп калмак.
Белгилей турган нерсе, изилдөөчү Д. Сапаралиев айрым макалаларында Бишкек шаарынын аталышы топонимден келип чыккан деп талаш жарат. Ал эми «Бишкек» фондусу жана Бишкектин урпактарынын буюртмасы менен жаралган (жалданып жазылган) кийинки эмгегинде Бишкек шаарынын аталышы тарыхта жашап өткөн инсандын ысымы менен байланышкан деген көз карашты карманат. Бирок анда тарыхий инсан Бишкек тууралуу баш аламан жана фактысыз маалыматтарды кыскача баяндап, аны «баатыр» кылууга катуу далалаттанат. Аталган эмгектин негизги бөлүгү тарыхый инсандын өзүн эмес, орустун архивдик документтердеги маалыматтарга таянып, анын урпактарын иликтөөгө арналган. Бишкектин өзү тууралуу маалыматарды таба албагандыктан, автор китептин айрым жерлеринде өз оюнан чыгарылган маалыматтарды кошуп койгон. Алсак, Бишкек каза болгондан кийин, ага коргонду XIX кылымда жашаган Ормон хан салдырыптыр деген сыяктуу апыртмалар кездешет. Мындан көрүнүп тургандай аталган проблема боюнча изилдөөчүнүн бирдиктүү илимий жыйынтыгы жоктугу жана ар түрдүү жагдайга карата көз карашын алмаштырып тургандыгы байкалат.
Топонимдин атынын атылышы боюнча уйкаштыктарга карап чечмелөө менен дагы канчалаган версияларды жасоого болот. Алсак, топонимдин келип чыгышын изилдөөгө аракет кылган Т. Акеров «Бишкек» аталышы боюнча пикирлерин улам-улам өзгөртүп, бир нече ой жорууларды жараткан. Анын адегендеги ою «беш бек» (алакалаш беш бектин ээлиги), кийин XVII кылымдагы енисейлик кыргыздардын уруу башчысы Бошкох Котондун ысымына байланыштырса, акырында «бийик тоо» деген мааниге ээ деген пикирин айтат [2].
Эч кандай фактыларга таянбастан, негизи жок эле «Бишкек» деген топонимдин айтылышы боюнча ар ким түрдүү ойлоп табууларды жарата берсе, чексиз фантазияга батып калабыз. Мындай жол менен илимий чындыкты табууга мүмкүн эмес. Аймактын аталышы боюнча жергиликтүү элде оозеки түрүндө тарыхый маалыматтар айтылып келген. Уламыш формасында сакталып калган элдик кабарларды кылдат изилдесек, алар тарыхый булак катары кызмат өтөп, тарыхый чындыкты тактоого жардам бере тургандыгына шек жок.
Бишкек шаары тууралуу кыргыз элинин уламыштары
Бишкек деп аталган жер атынын пайда болушу тууралуу кыргыз элинин ичинде уламыштардын эки түрү байыртадан эле айтылып келген. Белгилүү болгондой көчмөнчүлүк замандарда жазуу иши кыргыз элине массалык тарабагандыктан, биздин элдин өз өкүлдөрү жазган жазма документтик булактар жокко эсе. Бирок элдин эсинен өчпөгөн айрым тарыхый окуяларды элибиз оозеки тарых – санжыра же уламыш түрүндө сактап келишкен. Алар оозеки фольклор болгондуктан, көптөгөн деталдары унутулуп же өзгөрүп, аркандай ой жоруулар менен коштолуп аңыз кептерге айланган. Оозеки тары хый маалыматтар жазылып калбагандыгына байланыштуу, фольклордун мыйзамдарына ылайык көркөмдөлгөн, айрыкча мезгилдик даталар элдин эсинен чыккан. Өзгөчө тарыхта болуп өткөн бир нече окшош окуялар бирибирине кошулуп кетип трансформацияланышат, жалпыланышат. Ошондой болсо дагы уламыштардын өзөгүндө чыныгы тарыхый окуянын элементтери кандайдыр бир деңгээлде сакталат. Андай болбосо элдин ишениминен чыгып жомокко айланып калат.
Бишкек топоними жөнүндөгү биринчи уламышта мындайча баяндалат: «Илгери кыргыздардын бир айылы көчүп бара жатканда, атактуу байбиченин кооздоп жасалган бишкеги (кымызды ачытканда быша турган ашкана аспабы) жолго түшүп калыптыр. Байбиче конушка баргандан кийин, жигиттерин бишкегин издөөгө жөнөтөт. Бишкек табылган жер кийин Бишкек аталып калыптыр. Ал жерге бир топ убакыт өткөндөн кийин адегенде айыл түшүп, анан акырындап отуруп Бишкек шаары пайда болгон экен».
Экинчи уламыш төмөнкүчө айтылат: «Кыргыздын солто уруусундагы жоочалыш бутагынан чыккан Бишкек деген адам өз заманында жакыр жашап, туугандары менен кошо көчө албай жер иштетип, жатакчы болуп калат. Бирок ал акылдуу жана мээнеткеч адам болгондуктан жерди жакшы иштетип жашоосун бир топ оңдойт. Бишкек көп уулдуу болуп, балдары эр жеткенде мал-жан күтүп, багбанчылык кылып байлыгы артат. Бишкек чебер колдуу уста болгондуктан, жашаган жерине там салып, устакана курат. Туугандарына керектүү буюмдарды жасап берүү менен кошо соода да кылат. Ага кокондук жана кашгарлык соодагер сарттар келип байланышып турат. Ал өлөөрүндө балдарына керээз кылып, менин сөөгүмдү туугандардын көрүстөнүнө алып барбай, ушул жердеги чоң жолдун боюндагы төрткүл дөбөчөгө (эски шаардын чалдывары) алып барып койгула дейт. Чоң жол менен ары-бери өткөн элдер куран окуп, дуба кылып тургандай болсун, деген осуят калтырат. Бишкек өлгөндөн кийин балдары керээзди аткарат. Алар жыл өткөндөн соң атасына чоң аш берип, ага арнап коргон салышат. Коргон турган жерге соодагер сарттар акырындап кепелерди салышып, самын, күзгү, насыбай, жип-шуу жана башка элге керектүү майда нерселерди сатуучу болуптур. Кийин ал соода-сатык жайга келген кыргыздар: «Бишкекке барабыз, Бишкекке барып соода кылабыз», – деп айтып жүрүшүп, ал аймак Бишкектин коргонунун атынан Бишкек деп аталып кеткен экен».
Эл оозундагы биринчи уламышка токтолсок, аны Бишкек деген терминдин маанисин ачып бергенге арналган элдик түшүндүрмө деп атасак болот. Бул уламышта жердин аты эмес, «бишкек» сөзүнүн чыгышы тууралуу, тактап айтканда сөздүн этимологиясы жөнүндө айтылып, «бишкек» бул сабаадагы кымызды бышкан аспап экендигине басым жасалып турат. Ошондуктан бул уламышты жердин аты менен байланыштырып иликтөөдө аны жөнөкөй гана эски топонимге арналган элдик комментарий катары кабыл алабыз. Бирок уламыштын ушул түрүн колдоочулар Бишкекке канатташ жайгашкан Чүй боорундагы аймактардын кыргыздын буюм-тайымдарынын аталыштары менен аталгандыгына таянышат. Алсак, Чүй суусунун боюнда, чыгыштан батышты карай Токмок, Кант, Бишкек, Сокулук (соку), Кара-Балта деген топонимикалык аттардан турат.
Ал эми экинчи уламышта кандайдыр бир деңгээлде тарыхый чындыктын үлүшү сакталып турат. Бул уламышка кыскача анализ жасасак, жүз жылдан ашуун убакыттан бери уламыш катары айтылып келген окуя, конкреттүү жеке инсан Бишкек ысымдуу адамга жана ага арналып салынган коргон жайгашкан аймактын атынан, ал чөлкөм Бишкек деп аталгандыгын баяндайт. Бишкек сөзүнүн түпкү мааниси кымызды бышкан ашкана куралы болгону менен кыргыз элинде адам аттарын аркандай буюм-тайымдардын аталыштарынын атынан ысым кылып коё бергендиги маалым. Алсак, Салмоорбек, Кийизбай, Чыны, Макибай, Канжар, Чокмор ж.б.у. с. антропонимдерден көрсөк болот.
Уламыштан тышкары, Бишкек тууралуу окуя санжыралык маалыматтарда дагы берилип, Бишкектин ата-бабасына жана урпактарына чейинки кабарлар кам тылат. Кыргыздын оозеки тарыхы болуп эсептелинген «санжыра» оозеки формада айтылса да, ал фольклордук чыгармалардан өзгөчөлөнүп, өзөгүндөгү тарыхый окуяларды, өзгөчө акыркы звенолорунда бекем сактайт [8]. Белгилүү мезгилдеги окуяларга жалган сөздөр кошулса, аны билгендер сөзсүз оңдоп-түздөп турушкан. Ошондуктан кыргыздар санжырага ишенип, тарых дареги катары урматташкан. Бул тууралуу белгилүү кыргыз таануучу С. М. Абрамзон санжыра таза фольклор эмес экендигин далилдеп, аны элдик этногония деп атаган [1].
Булардан башка дагы көңүлгө алчу нерсе, бул так ошол Бишкекти жердеп турган эл, алардын арасында Бишкектин түздөн-түз урпактары дагы өзүлөрү жердеген жердин аталышы алардын бабаларынын бири болгон Бишкектин ысымынан келип чыккандыгын айтып келишкендигинде турат. Белгилүү болгондой ар бир эл өздөрү жашаган жер-суу аттарынын тарыхын башкалардан жакшыраак жана тагыраак билишет.
Элдик уламыштардын кыскача анализинин жыйынтыктары, Кыргыз мамлекетинин борбор шаарынын аты, Чүй боорунда турушкан кыргыздын солто уруусундагы жоочалыш уругунан чыккан Бишкек деген тарыхта жашап өткөн инсандын ысымынан пайда болгондугун чындык катары кабыл алууга толук негиз берет. Албетте, борбор шаарыбыз ысымын алып жүргөн Бишкек ким болгон, качан жашаган, эмне менен кесиптенген деген сыяктуу суроолор ар бир кыргызстандыкты кызыктырат.
Уламыштарда айтылган Бишкек реалдуу жашоодо ким болгон?
Уламыштарда айтылган Бишкектин реалдуу жашоодо ким болгондугун тактоо аракеттери XX кылымдын башынан баштап эле жасалып келген. Бул маселеге токтолууда өзгөчө көңүл бура турган нерсе, сөз болуп жаткан Бишкек жөнүндө жазма булактарда эч кандай даректер кезикпейт. Себеби ал инсандын заманында кыргыздарда элдин кеңири катмарына тараган жазма болгон эмес, экинчиден Бишкек теги боюнча белгилүү манап тукумунан эмес, карапайым уруктун өкүлү болуп, бул инсан жасаган иштери менен жалпы кыргызга таанымал болбогон. Тарыхтагы Бишкек тууралуу маалыматтар санжыралык даректерде гана жолугат.
Кыргыз санжырасында солто уруусу оң канат урууларынын тагай бирикмесине кирет. Тагай бийдин бир баласы Богорстон андан Эштек. Эштектен Солто. Солтонун негизги тукуму үч бутакка ажырайт: Култуу, Күнтуу жана Чаа. Солто уруусунда булардан башка дагы бир канча майда уруктар бар. Бишкек солтонун чаа бутагынын ичиндеги жоочалыш уругунан чыккан. Жоочалыш уругу тууралуу ар кандай маалыматтар берилет. Кээ бир санжырачылар Жоочалышты Чаанын таап алган бакма баласы болгон десе, айрымдары аны Чаанын токолунан төрөлгөн бала деп баяндашат. Кандай болбосун жоочалыш бутагы солто уруусунун ичиндеги букара уруктарынын бирин түзөт.
1950-жылдардын башында солто уруусунун аксакал адамдарынан чогулткан материалдарынын негизинде С. М. Абрамзон жоочалыш уругу солтонун ичиндеги жети кул уруктун бири экендигин жазган (беш көөрүк, мааке, шалта, жоочалыш, төлөк, көгөй) [1; 656]. Ошол эле информаторлор солтонун белгилүү манабы Түлөөберди өлгөндө анын уулдары букараларды мурас катары өз ара бөлүп алышкандыгын айтып беришкен. Ошондо Чыныга – беш көөрүк менен мааке, Канайга – төлөк, Карбоско – асылбаш, Эшкожого – жоочалыш, шалта жана карасакал уруктары тийген [1; 656]. Мына ушул жоочалыш уругун негиздеген Жоочалыштын Кенен жана Белек деген эки уулу болгон. С. М. Абрамзондун жазганы боюнча Бишкек Кенендин уулу Көңүлдүн баласы деп көрсөтүлөт. Ал эми айрым санжырачылар, алардын ичинде Бишкектин өзүнүн урпактары такталган маалыматтарды беришип, Бишкекти Кенендин уулу дешет.
Белгилүү санжыра жыйноочу Муса Байгариновдун маалыматтарындагы Бишкек
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турган материалдардын арасында белгилүү санжыра жыйноочуларынын бири Муса Байгариновдун кол жазмасы бар. М. Байгаринов санжыра маалыматтарын 1924-25-жылдардын баштап чогулта баштаган. Ал өзү солто уруусунун өкүлү болгондугу үчүн бул уруунун санжырасын салыштырмалуу так бере алган. Мындан тышкары, анын Бишкек тууралуу маалыматтарынын өзгөчөлүгү, жыйноочу Бишкектин урпактарынын өздөрүнөн маалыматтарды жазып алган. Ошондуктан Бишкектин санжырасын М. Байгариновдун жазмасы аркалуу берсек бир аз так болот.
Ал төмөнкүчө жазат: «Чаадан Жоочалыш (тондуу уул), андан Кенен, Белек. Кененден: Кемпирээк, Темир, Бишкек, Итаяк, Эсер. Кемпирээктен: Кудайберди, Эсенкул, Рыскелди, Казакбай, Борку. Темирден: Болот, Самтыр. Болоттон: Конуш, Баатай, Жаныш, Олжотай, Бокобай, Карбоз, Кенжекара, Арбоз, Карабек. Конуштан: Найман, Беки, Карач, Ниязбек, Каманбай, Турусбек. Белектен: Жарбаң, Көңүл, Чайыш. Жарбаңдан: Карбит, Борсолдой, Куттубай, Ноорус, Жакшылык. Сынма деген калмак аялынан төрөлгөн баласынан тараган бир аз түтүн сынмалар аталып жүрүп, жарбаң менен сынмалар кошулганда жарбаң аталып калган. Чайыштар бир аз түтүн көңүлдөр менен аралаш. Көңүлдөн Аюу, Саткын, Бердике, Апы, Олжочулар. Жарбаңдан: Тайшак, Жаныке, Алыке, Калча. Куттубайдан: Беки, Чаңгыл, Чалкан, Төлөгөн. Ноорустан: Качы, Мамыш, Адил. Жакшылыктан: Улан, Эрмек, Кочкорбай, Бөкө. Сынмалар Момбай, Тубар, Олжобай, Кенжебай деген аталарга таркалат.
Жоочалыш балдары: Кенен, Белек. Белек өлгөндөн кийин аялын иниси Кенен алат. Кененден Бишкек туулат. Бишкек жакшы турмушта күн кечирип, элине кадырлуу киши болуп, сексен жаштан ашканга чейин жашайт. Сокулуктун тоосу Чуңкурчак деген жайлоодо бүтүн Белек, Кенен тукумдары жайлап жүрүшүп, Бишкек көпкө чейин ооруп жатып калат. Бир күнү туугандарына айтат: «Кадырлуу аксакал туугандарым жана балдарым, силерге мен айта турган осуятым, мен өлүп калсам өлүгүмдү өзүмдүн Кара буура төөгө жүктөп, артып чоң жолдун боюна төрткүл дөбөчөгө алып барып койгула дейт. Чоң жол менен ары-бери өткөн элдер менин өлүгүмө куран окуп, бата кылып тургандай болсун, менин өлүгүмө ат чаптыргыла. Чапкан аттын баш байгесине өлүгүмдү жүктөп барган Кара буураны байгесине сайгыла»- деп, осуят айтып ошол оорусунан оңолбой Бишкек өлөт.
Болжолдогондо мындан 120 жыл чамасында мурун өлгөн. Бишкек өлгөндөн кийин айтып кеткен осуяты боюнча, өлүгүн өзүнүн Кара буурасына артып, тоодон Чуңкурчактан алып келип, чоң жолдун бою төрткүлгө коёт. Өлүгүн койгондон кийин ат чаап, чыккан атын баш байгесине Бишкектин Кара буурасын берет. Ал кезекте азыркы Фрунзе шаары орношпогон такыр там жок экен. Анда эл арасында бир нерсе сатуучу дүкөн да жок болгон. Соодагерлер тарак, күзгү, насыбай, жип жана башка майда нерселерди куржунга салып алып, атка минип эл кыдыртып сатуучу экен. Аны бакалчы деп коючу.
Бишкектин өлүгү коюлган жерге соодагер сарттар эки жер там салып ошол тамга самын, күзгү насыбай, жип жана башка элге керектүү майда нерселерди сатуучу болуптур. Тоодон жана ар тараптан эл көп келип керектүү нерселерди алуучу болуптур. Элдер барган-келгендерди кайда бардың, кайдан келдиң деп сурашса, айта турган белгилүү жери жок болгондуктан, Бишкектин өлүгү коюлган жерди айтып, барган-келгендердин элге түшүндүрүш үчүн Бишкекке бардык, Бишкектен келдик деп айтып жүрүшүп, жер там салып соода кылган майда нерселер саткан жер Бишкек (Пишкек) атала баштаптыр. Анан Ташкен, Анжиян жана башка шаарлардан бириндеп сарттар келип, жер там салып алышып, соода кылышып, эл көп болуп, кыштакка айланып Пишкек аталып калган экен. Кийин орустар Бишкекти, Пишпек деп айтып жана кагазга жазып Пишпек аталып калган.
Муну мен совет өкмөтү уюшулгандан тартып угуучу элем жана билүүчү элем. Жакында 80 жаштагы карыя Чүкүш Жакшылыков, 74 жаштагы карыя Буржуй Ажыкуловдор менен аңгемелешкенимде Бишкектин туугандары экен толук айтып беришти. Бишкектин баласынын баласы карыя Суракмат жана 90 жашка келген Бишкектин тууганы да бар дейт. Бишкектин тукумдары азыр 30 үй чамасында». (Айтуучу М.Байгаринов: 1924-25-жылдары Окружной Землестроительде инспектор болуп иштөөчүмүн. Ошондо мени жерди, элди каттап кел деп жиберген. Ошол каттоодо Бишкектин 80 ден ашкан баласына жолугуп, өз оозунан ушул тарыхты уккам. КР Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду, №564. Кыргыз элинин санжырасы. Жыйнаган Муса Байгаринов. – 65а65-беттер-текст өзгөртүлбөстөн берилди, Р. Ж.).
Бул санжырада Жоочалыштын улуу баласы Белек өлгөндөн кийин, анын аялын иниси Кенен алгандыгы, Бишкек Кенендин экинчи аялынан төрөлгөндүгү так айтылат. Урпактарынын эскерүүлөрү боюнча 1925-жылдан 120 жыл чамалуу илгери Бишкек каза болсо, ал болжолдуу XIX кылымдын баш чендеринде каза болот. Маалыматтагы Бишкектин неберелери ошол мезгилде 80-90 жаштарда болуп жашап тургандыгы толук мүмкүн эле. Ушул Муса Байгариновдун жазгандарына окшош маалыматтарды кыргыздын бир катар санжырачылары айтып келишкен. Алардын арасында атактуу кыргыз акыны Алыкул Осмонов дагы Бишкек тууралуу уламышты 1946-жылы жазып алган экен.
Алыкул Осмоновдун маалыматы
Анда мындай деп жазылган: «…Ошол замандарда бир Бишбек аттуу кедей кыргыз жашаган. Аны азыркы карыялар: «Ал Бишбек деген киши ушул эле Жоочалыштык болучу» – деп коюшат. Ал Бишбек деген киши кыйын уста экен, кыргыздын түйшүгүнө керек болгон ар нерсени жасай билүүчү экен. Бир күнү калың элдин арасында олтуруп: «Журтум мен түндө жатып түш көрдүм. Менин атым чыгыш менен батышка тарап жатыптыр», -дейт. Эл жакшылыкка жоруйт. Ошентип арадан көп жылдар өтөт. Ары-бери каттаган кыргыздар: «Бишбектикинде болдук, Бишбекке кондук» деп оозго алымдуу кылып жибергендиктен, акыры «Бишбекке баралы» деген сөз чыгат. Ошентип олтуруп бул шаар Бишбек атка конот. Кийин ал Пишпек болуп кетет» [15; 303].
Шаршенбек Үмөталиевдин маалыматы
Бишкек жөнүндө белгилүү сынчы-адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев 1970-жылы «Кыргызстан маданияты» газетасына «Пишпек баяны» деген макала жарыялаган. Анда жазуучу өзү дагы Бишкектин урпактарынан экендиги жазылган. Согуш жылдарында Сокулук районундагы «Түз» колхозунда башкарма болгон тууганы Молдокул Пишпеков (1966-жылы 82 жашка чыгыптыр) жана өз мезгилиндеги белгилүү санжырачы Багакбай аксакалдан Бишкек бабасы жөнүндө маалыматтарды уккандыгын эскерет. Ш. Үмөталиев Бишкектин тарыхый адам болгондугун жазып, санжырачы аксакалдардын айтышканы боюнча Бишкек Канай бийдин замандашы болуп, мезгилинде бийлерге тең ата, тың өмүр сүргөндүгүн баяндайт. Бишкектин беш уулу болуп, алар атасынын көзү өткөндөн кийин ага арнап коргон салышат. Ошол аймакка там салып, үй курушат. Дыйканчылык кылып коон, дарбыз айдашат. Бишкектин балдары өстүргөн дарбыздарды киши минсе, буту жерге тийбей калчу экен. Ошентип Бишкектин коргону салынган жерди балдары өздөштүрүп, акыры ал жер шаарга айланыптыр [30].
Эсенгул Төрөкан уулунун маалыматы
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз тарыхына байланышкан бардык материалдарды тарыхка кызыккан адамдар эркин чыгара баштаган. 1995-жылы тарых сүйүүчү жана санжыра жыйноочу Эсенгул Төрөкан уулу өзүнүн мурунку мезгилде жыйнап жүргөн маалыматтарын «Кыргыздын кыскача санжырасы» деген ат менен 2 китеп кылып басып чыгарды. Бишкек жөнүндө экинчи китептин 43-бетинде мындай деп жазат: «… Бишкек үйлөнүп-жайланып, азыркы кыргыз элинин борбору болгон Бишкек шаарына келип дыйканчылык кылып, коон, дарбыз, бадыраң ж. б. ар түрдүү өсүмдүктөрдү биринчи айдаган жана устачылык кылган да адам. Турган жери соодагерлердин өткөн-кеткен жолунда экен, ошондуктан кийинчерээк өзүбектер келип, чайкана уюштурушуптур. Өткөн-кеткен жүргүнчүлөр ал жерге көп келип, Бишкектин коон, дарбыз ж. б. жер-жемиштерин сатып алып турушкан. Мына ушуга байланыштуу кийинчерээк бул жер «Бишкек калаасы» деп аталып калган». Эсенгул Төрөкан уулу Бишкекти Кенендин жедигер уруусунан болгон Кудакенин кызы Кубул деген аялынан төрөлгөн деп жазган [29; 43].
Жогоруда берилген маалыматтардын бардыгында солто уруусунан чыккан Бишкек карапайым, мээнеткеч адам болуп, бардык жетишкендиктерге өз эмгеги аркылуу жеткендиги айтылат. Бишкектин өмүр жолундагы өзгөчөлүк кыргыздардын жапырт көчмөнчүлүк мезгилинде, алгачкылардан болуп, мал чарбачылыгынан тышкары жер иштетип, дыйканчылык кылууга, там салып, устакана куруп, жерди өздөштүрүүгө болгон аракети эсептелинет. Бишкектин там салуу, жер иштетүү, соода кылуу аракеттери ал мезгилдеги кыргыз коомундагы новаторлук көрүнүш болчу. Көчмөн жашоодо, мал багуу менен турмуш кечирген кыргыз элинде Бишкектин жашоо образы жаңылык болгон. Ал өзү жашаган замандагы кыргыз элине жаңы чарбалык багытты баштоого көпүрө салган адам болгон десек болчудай.
«Бишкек баатыр» кантип пайда болду
1991-жылы шаарыбызга тарыхый аты Бишкек ысымын кайтарып берүүдөн мурун, кыргыз коомчулугунда бул аталыш тууралуу өтө жандуу, ар түрлүү талаштартыштар кызуу жүрдү. Талашта аталыштын туурасы Бишкекби же Пишпекби, балким Пишкек болбосун? Бул аталыш жердин атынан пайда болгонбу же адам атынан келип чыкканбы? деген суроолорго жооп издешти. Мындан тышкары Бишкек инсан болсо, ал ким эле, эмне иш кылган деген маселе дагы курч бойдон турган.
Ошондой кырдаалда, ал мезгилде жаш тарыхчы Кыяз Молдокасымов 1990-жылдын 6-сентябрындагы «Кыргызстан маданияты» газетасына» «Бишкек баатыр баяны» деп аталган макаласын жарыялаган. Макалада Бишкек тарыхый инсан болгондугу жазылып, бирок ал жөнүндө так маалымат жок экендигин эскерет. Ага карабастан, жаш тарыхчы орус документтеринен, Бишкектин өлгөндүгү тууралуу маалымат кездештиргендин белгилейт. Ал жаңы табылга катары 1876-жылдын 8-июнунда жарык көргөн «Туркестанские ведомости» газетасына жазылган макаладагы Бишкектин коргону жөнүндөгү элдик уламышты берген автордун шилтемесин көргөзөт: «XIX кылымдын экинчи жарымында Чүй боюна келип кеткен орустун бир саякатчысы 1876-жылдагы «Туркестанские ведомости» газетасына Бишкек тууралуу макала чыгарган экен. Саякатчы жергиликтүү элден Пишпек кыштагы турган жерге болжолу 100 жыл чамалуу илгери мезгилде кыргыздын кандайдыр бир баатыры ошол жерге коюлгандыгын угуптур» [12]. Автор ошого негизденип, Бишкек демек 1776-жылы дүйнөдөн кайткан деп так кесе жазат. Макаласын дагы «Бишкек баатыр баяны» деп атаган. Бишкектин баатырлыктары XVIII кылымдын экинчи жарымында болгондугуна терең ишенген К. Молдокасымов аны 1758-жылга чейинки кыргыз-жуңгар согуштарында жана андан кийинки Абылай хан жетектеген казактардын жортуулдарында жаралгандыгын баяндаган [12].
Биринчиден, 1876-жылдын 8-июнунда жарык көргөн «Туркестанские ведомости» газетасына жарыялаган макаланын авторун орустун бир саякатчысы деп түшүнгөн. Орус саякатчысынын аты ачык айтылбай бүдөмүк болуп калган. Бул макала Н. Н. Пантусовго таандык болгон. Анын автору Орус империясынын Орто Азияны басып алуучу аскердик жүрүштөрүнүн катышуучусу Николай Николаевич Пантусов (1849—1909) — россиялык чыгыш таануучу, археолог, филолог, нумизмат, этнограф болгон. Ал Жети-Суу областынын аскер губернаторунун алдындагы өзгөчө тапшырмаларды аткарган чиновниги кызматын аркалаган. «Туркестанские ведомости» газетасына 1876-жылдын 8-июнунда жарык көргөн макала «Пишпек и Аламедин» деп аталат. Газетага басылып чыккан бул макаланын аягында автордун аты жөнү жазылбастан, анын инициалы гана көргөзүлгөн. Бирок «Туркестанские ведомости» газетасынын чыгышынын 25 жылдык мааракесине арналган санына, газетанын авторлору тууралуу маалыматтар берилген. (Газетанын 1-саны 1870-жылдын 28-апрелинде жарык көргөнүнө байланыштуу 1895-жылдын 28-апрелинде чыккан № 30 санында). Анда Н. Н. Пантусовдун газетага жазган макалалары да көргөзүлүп, арасында «Пишпек и Аламедин» макаласы дагы жазылган [28:№30, 1995,28 апреля]. Макаладагы маалыматтарды пайдаланышкан Галицкий В. Я., Плоских В. М., Сапаралиев Д. өздөрүнүн эмгектеринде анын автору Н. Пантусов деп беришет [23; 33].
Н. Пантусов «Пишпек и Аламедин» макаласында кыргыз жериндеги бул калк жашаган пункуттардын ошол мезгилдеги абалы тууралуу баяндаган. Пишпектин (Бишкек) аталышы жөнүндө жергиликтүү элден уккан уламышын кыскача шилтеме катары колдонгон. Анда мындай деп берилет (толугу менен): «Пишпек жайгашкан жерге кандайдыр бир Пишкек ысымдуу кыргыз баатыры коюлган экен (100 жыл илгери); ошондон ал аттын бузулуп Пишпек деп айтылгандыгынан шаардын аталышы пайда болуптур. Кыргыз дөбөнүн үстүнө көмүлгөн экен, кийин ал дөбөнүн топурагынан кокондуктар чеп курушуптур. Чеп 50 жылдай убакыттан бери турат; Ал Кокондук Мадалы хандын убагында негизделген» [28].
Бул жерде көрүнүп тургандай, кыргыздын батырынын аты Пишпек эмес Пишкек (жергиликтүү диалекте Бишкек) дегени, анын бузулган формасы Пишпек болуп калгандыгы XIX кылымдагы термин Бишкек болгондугун күбөлөйт. Автор орус адамы болгондуктан Бишкекти орус тилине ылайык каткалаң «П» тамгасы менен жазгандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Н. Пантусов жергиликтүү элден уккан уламыш сөздү, өзүнүн түшүнүгүнө карата жазып кеткен. Белгилүү болгондой оозеки уламыштарда мезгилдик даталар элдин эсинен чыккандыгына байланыштуу, болжолдуу түрдө гана айтылат. К.
Молдокасымов мындагы 100 жыл чамасы илгери деген сөз элдик оозеки маалымат экендигин, ал эми оозеки маалыматтарда мезгил өйдө-төмөн айтыла бере тургандыгы эске алган эмес. Ал түз эле уламыштагы Бишкек Н. Пантусов жазгандан туп-туура жүз жыл илгери өлгөн деп эсептеп, Бишкектин өлгөн жылы такталды деп, аны так эле 1776-жыл экендигин көргөзөт. Ушундан улам Бишкектин XVIII кылымдагы согуштарга катышкандыгына эч шектенбейт [12]. Макалада эскерилген уламыштык маалымат башка дагы кошумча маалыматтар менен салыштырылып изилденмейинче аны чыныгы далилдүү факты деп айтууга мүмкүн эмес. Ошондуктан макаланын авторунун Бишкектин өлгөн жылын билебиз деп, анын эч бир маалыматтарда эскерилбеген эрдиктерин ойлоп табуу, автордун жаштыгынан кыялга алдыргандыгы болсо керек. Ошондой эле кыялдануудан Бишкек коюлган дөбө (кийин кокондуктар түздөп кетишкен), мурунку Ысык-Көл кино театрынын (азыркы борбордук мечит) ордунан табылгандыгын айтууга болот. Ал эми «баатыр» деген терминди XIX кылымдын кыргыздары түрдүү мааниде колдонгондугу белгилүү. Сөздүн биринчи түз мааниси эрдик көргөзүп, жоодо айырмаланган адамды баатыр деп аташкан. Экинчи маанаси элге кадыр-баркы өткөн адамдарды же бийлик ээлерин дагы баатыр дешкен. Мисалы Шабдан баатыр, Байгазы баатыр ж.б. Үчүнчү мааниси эркек адамдарга кайрылуунун сый формасында да колдонушкан. Мисалы «Кел баатыр, төргө өт.» «Кандай баатыр, мал-жан аманбы?» «Кеп сал баатыр» ж.б.
1876-жылы жазылган «Пишпек и Аламедин» макаласындагы Бишкек жөнүндөгү уламыштык маалыматы Кыргызстандык тарыхчылар ар кимиси өзүнүн көз караштарына ылайык пайдалана башташкан. Алсак, В. Я. Галицкий менен В. М. Плоских «О легендарном герое Бишкеке и названии нашей столицы» деген макала жазышкан. Анда алар Бишкек шаарынын тарыхына сенсациялуу маалыматтар менен окурмандарды таң калтырууга аракеттенишкен. Макалада кытай булактарындагы маалыматтардын котормолорун чаташуулар менен колдонушуп, Бишкек чеби XIX кылымдын башында эмес, XVIII кылымдын ортосунда эле Кокон мамлекети кургандыгын баяндашат. Авторлор кокондук Ирдана бек менен казак Абылай хандын чабыштарын кыргыз жергесине көчүрүп келишип, ар кыл мезгилдеги фактыларды бир мезгилде болгон окуяга байлашып сенсация жасашкан. Албетте алар дагы Н. Пантусовдун уламышындагы Бишкек кыргыздын легендадагы баатыры деген жыйынтык чыгарышат [33].
Бишкектин тарыхый инсан болгондугу жана анын ысымы менен борбор калаабыз аталып калгандыгы көпчүлүк элге жагымдуу пикирди жаратты. Бирок борборубузга атын берген киши карапайым, жөнөкөй чөйрөдөгү адамдардын катарынан чыгышы көпчүлүк кыргыздарга жага берген эмес. Күчтүү өнүккөн кыргыз фольклорунун баатырдык идеяларын сиңирген сезимдерге сугарылган кыргыздар үчүн тарыхта белгилүү болуп аты калган киши сөз жок баатыр болуш керек эле. Андай изилдөөчү адамдар чыгат болчу жана алардын пайда болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле.
Дал ошондой Бишкекти баатырга айландырган алгачкы кадамды жасаган адам жазуучу Асанбек Стамов болду. Албетте ага тарыхчы К. Молдокасымовдун макаласы кандайдыр бир деңгээлде таасир берген өңдөнөт. Ал 2003-жылы Бишкектин өмүр жолун, жашаган доорун тактоого аракет кылган көркөм популярлуу «Бишкек баатыр» деп аталган китепче жазды. А. Стамов макаласында Бишкек жөнүндөгү ар кыл санжыралык маалыматтарды пайдаланып, бирок аларга өзүнүн кыялынан чыгарылган көркөмдөөлөрдү киргизип, кооздоп жазып чыккан. А. Стамовдун макаланы көркөмдөө жолу менен жазышы, бир четинен караганда, ал көркөм өнөр чебери жазуучу болгондуктан ага түшүнүү менен мамиле кылса болот. Экинчи жагынан алганда тарыхый көркөм чыгармаларды жазууда, тарыхый чындыктын чектеринен чыгып кетип көркөмдөө кечирилгис болуп, чындыкты бурмалоо жана фальсификациялоо болуп эсептелинет. Эмесе А. Стамовдун макаласына токтолуп көрөлү.
Чыгармада автор Бишкекти XVIII кылымдагы баатырлардын бирине айландырууга аракеттенген. Ал ошол кылымдын биринчи жарымында жуңгар-калмактары менен болгон согушта баатырлык көргөзгөн кыргыздардын тарыхый инсандары менен Бишкекти бирге аралаштырып, Бишкекке баатыр атагын алып берүүгө күчтөнүп киришкен. Санжыра маалыматтарына өз оюнан чыгарган баатырлык иштерди кошуп жазат. Ал маалыматтарды кайдан алгандыгын көргөзбөйт, жөн гана өз урпактары айтышат деген жалпылама сөздөр менен чектелет. Бишкектин өзүнүн урпактарынын айткандарына келсек, А. Стамовдун чыгармасы пайда болгонго чейин эле 80 жыл илгери Муса Байгариновго алардын бабасы жөнөкөй киши болгондугун кабарлашып, анын калмактар менен согушкадыгы тууралуу бир ооз сөз айтышкан эмес. А.Стамов макаласында шилтеме берип жаткан, Бишкектин түптүз тукуму деген адабият таануучу Ш.Үмөталиев Бишкек тууралуу жазган макаласында бабасы Бишкектин калмактар менен согушкандыгы жөнүндө жазган эмес, тескерисинче Бишкек балдары менен жер айдап өстүргөн дарбыздарынын чоңдугун айтып, алардын дыйканчылык менен эмгектенгендигин жазган. Ш. Үмөталиев өзүнүн туугандарынан жана аларга аралаш жүргөн санжырачылардан бабасы Бишкек Канай бийдин замандашы болгондугун уккандыгын билдирген [30].
А. Стамовдун Бишкекти баатыр кылууга болгон далалаты китепке жазылып калган уламыштагы маалыматарды бурмалагандыгынан ачык көрүнөт. Ал Алыкул Осмонов жазып калтырган уламышты макаласына колдонуп, ага кереги жок сөздөрдү жазбай аттап өтүп, өзү оюнан кошкон сөздөрдү Алыкулдун атынан анын уламышына киргизип коёт. Мисалы акын жазган уламышта «Ошол замандарда бир Бишбек деген кедей кыргыз жашаган»- деген сүйлөмдөгү «кедейди» А.Стамов макаласына киргизген эмес. (Стамов А. Бишкек баатыр: Тарыхый очерк.- Б., 2003.-Б.7.) Себеби А. Стамов баатыр деп даңазалап жаткан Бишкек кедей кыргыз болуп калса автордун идеясы бузулуп калмак. Андан ары ошол эле уламыштагы А. Осмоновдун «Ал Бишбек деген киши кыйын уста экен…» деген сүйлөмүн Асанбек Стамов «кыйын устанын» алдына өзүнүн «өтө эр жүрөк» деген сөзү менен толуктайт. (Көрсөтүлгөн китептин 8-бети). Ушинтип Алыкул Осмонов жазган уламыштагы карапайым уста Бишкекке баатырдык эпитеттерди берип алгандан кийин, автор Бишкекти чечкиндүү түрдө баатыр кылууга кирет. Кыргыздардын калмактар менен болгон согуштарынын биринде (А. Стамов – 1733-жылдагы Анархай согушу) кыргыз баатырларынан өзгөчөлөнгөн Бишкекке «туу жыгаар» деген ардактуу наамын Стамов өз колу менен алып берет [26; 23]. Биринчиден, Бишкектин калмактар менен болгон согушка катышкандыгы жөнүндөгү кабарды кайсыл булактан алгандыгы тууралуу автор кеп козгобойт. Анткени андай маалымат такыр жолукпайт. Экинчиден, кыргыз элинде «туу жыгаар» деген ардактуу наам болгон эмес, аны А. Стамов өзү ойлоп чыгарып, аны менен Бишкекти сыйлаган. Ошону менен Бишкек жалпы кыргыз каалган кадимки «баатыр» болуп чыга калат.
А. Стамов Бишкекти атактуу баатыр кылгандан кийин, өз баатырынын биографиялык маалыматтарын бекемдеш үчүн тарых документтерине кайрылат. Албетте ага орус жазма маалыматтары жакшы кызмат кылмак. Автор XIX кылымдын экинчи жарымында Жети-Сууга келип, жергиликтүү калктын жашоо турмушуна жана ал аймактагы тарыхый эстеликтерге кызыккан Н. Н. Пантусовдун эмгектерин далилге тартат. Ал Н. Н. Пантусов «Бишкек жөнүндө атайын эмгек жазып, анысын 1876-жылы «Түркстан ведомствосуна» жарыялаган» деп жазат [26;20]. Н. Н. Пантусов 1876-жылы жарык көргөн «Туркестанские Ведомости» газеталарына «Пишпек и Аламедин» макаласынан башка дагы төрт макаласын жарыялаган. («О податях и повинностях, существовавших в бывшем Кокандском ханстве, в последнее Худоярхана». – Туркестанские Ведомости, 1876, №16; «Сборы и пошлины в бывшем Кокандском ханстве». – Т. В. 1876, №17; «Газат дер мулки Чан», – Т.В. 1876, №46; «Теварихи Шахрухие (Материал для истории Кокандского ханства)». – Т.В. 1876,№30.). Алардын бири дагы Бишкекке (Бишкектин өзүнө же анын коргонуна) атайын арналып жазылган эмес. А. Стамов андан ары аша чаап, Н. Н. Пантусов Бишкектин сөөгү азыркы Ысык-Көл кино театрынын орду турган жерде деп көргөзгөндүгүн жазат. Чындыгында биз макаланын башында көргөзгөндөй, азыркы Бишкек шаарынын аймагында бир нече шаар калдыктары-төрткүлдөр болгон. Уламыштык маалыматтарда Кокон чеби Бишкектин коргону турган жерге салынгандыгы айтылат. Ал эми Кокон чебинин калдыгы «Кузнечная крепость» деп аталып, Ысык-Көл кино театрынын орду деген жерден бир канча алысыраак болуп, анын түндүк тарабынан орун алган.
А. Стамов Бишкектин күмбөзүнүн сүрөтүн 1903-жылы Б. Смирнов карандаш менен тартып калтырган деп жазат [26; 21]. Автордун бул билдирүүсү карандай эле калп. Жети-Суу жергесине келген Б. Смирнов 1914-жылы «В степях Туркестана» деген китебин Москвадан басып чыгарган. Анда Бишкек же анын коргону жөнүндө бир ооз дагы сөз эскерилбейт. Ооба, Б. Смирновдун бул китебинде мусулмандардын күмбөзүнүн сүрөтү тартылган.
Бирок бул күмбөздүн Бишкекке эч кандай тиешеси жок. Б. Смирнов ал жөнүндө мындай деп жазат. Верный (Алматы) чебинен өтүп, Иле суусуна жакындаганда, мусулман көрүстөнү көрүнүп, арасында кооздолуп жасалган ак күмбөз турган. Ал тууралуу узатуучум кыргыз Атайбек буларды айтып берди: Мурда кыргыз менен казак ич ара такай чабышып турган. Сарыбай деген казак тоого кыргыздарга барат. Аны төрт кыргыз кармап алып, өлөрчө сабашат. Сарыбай үйүнө араң жетип, мени союп салышты деп кыйкырып туруп жан берет. Казактар Сарыбайды ыйык деп ойлошуп, ага ушул күмбөздү тургузган. Китепте баяндалгандай күмбөз Бишкектики эмес, Илеге жакын жердеги казак Сарыбайдыкы болот. Муну Стамов Бишкекке алып берип койгон.
А. Стамов Бишкектин жашап өткөн мезгилин дагы тактоого аракет жасаган. Ал Бишкектин чоң атасы Жоочалыштын качан туулгандыгына токтолгон. Санжырадагы Чаа бий Эшим хан Турсун ханды чапканга катышып, Эшимден сыйлыкка Турсундун келинин алат. Ал келинден Жоочалыш төрөлөт деген кабарга таянат. Эшим Турсунду 1627-жылы чапкан. Үч ата муунду эсептеп, алтымыш, жетимиш жыл аралыгында, б.а. Бишкекти 1700-жылдардын башы чендеринде туулгандыгын болжолдойт. Чындыгында этнология илиминде бир муундун аралыгын орточо 25-30 жыл деп эсептешет. Бул классикалык эсептөө болуп саналат. Бирок айрым учурларда бул эсептен башкача дагы болуп калышы толук ыктымал. Өзгөчө көп аял алган кыргыздарда муундардын аралыгы кескин айырмаланып кетет. Мисалы токолдун балдары айрым мезгилде байбичеден туулган уулдардын балдары менен бир куракта болуп калат же неберелер менен жашташ болот. Мандай учурда муундардын аралыгы 50-60 жылга чейин узарат. Санжырада эркек балдар гана эскерилип, кыздар айтылбайт. Мисалы Жоочалыш төрөлгөнгө чейин бир нече кыз же б. а. эжелери туулушу мүмкүн эле. Ошондуктан Бишкек баланчанчы жылы (1700-ж.) туулган деп так кесе айтууга мүмкүн эмес. Ал 1740-50-жылдарда дагы төрөлүшү толук ыктымал. Себеби Жоочалыш Чаанын токолунун баласы болсо, Бишкек Кенендин экинчи аялынан туулган болуп санжырада айтылат. Бишкектин мезгилин тактоодо жалаң ата муундарын эсептебестен, аны менен кошо эскерилген замандаштарын дагы эске алуу зарыл. А.Стамов эч бир фактыларга таянбай Бишкекти 1700-жылы Ала-Бука, Аксы аймагында туулган деп жазат. Биз ага Бишкектин метрикасын кошо жазып бербегендиги гана калгандыгын айтмакпыз.
А. Стамов Бишкек он үч жашынан соодага аралашып, Урал жактагы Оренбург шаары тарапта сегиз жылча жүрүп калгандыгын, адатынча, кайдан алгандыгын көргөзбөстөн, бирок так белгилейт. Эгер Оренбург шаарынын 1743-жылы гана негизделгенин эске алсак, анда автор өзүнө каршы чыгып калат. Автордун пикиринде 1730-жылдарда отуздан ашып калган Бишкек эрдигинен «туу жыгар» сыйлыгын алып жатса, 1740- 50-жылдарда кайрадан жаш бала болуп Оренбургга барып калабы? Айтор, автордун мындай чаташуулары чакан макаласында өтө арбын. Асанбек Стамовдун ушул көркөм чыгармасы кийинки изилдөөчүлөргө өзгөчө таасирин берген.
Алардын арасынан Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмоновдун 2012-жылы жазган «Бишкек баатыр баяны» деп аталган макаласына (Бишкек баатыр: Тарыхый очерк.- Б., 2012.) А. Стамовдун жогорку макаласы негизги булак болуп берген. Тарыхчы илимпозго жазуучунун көркөм чыгармасы эч табылгыс тарых булагы катары кызмат аткарышынын өзү нонсенс, б.а. мындай көрүнүш чоң суроолорду жаратат. Жазуучу жаңылып калса, тарыхчы адистиги бар иликтөөчү аларды тактап коюуга жараган эмес. Тескерисинче өзүнүн макаласынын көпчүлүк жеринде жазуучуну сөзмө-сөз кайталайт (көчүрөт). Стамовдун орус изилдөөчүлөрүнүн эмгектерине берген жалган шилтемелерине терең ишенет. Жаңылык катары экинчи бир санжырачынын т.а. Э. Төрөкан уулунун санжырасындагы такталбаган маалыматка таянып (Бишкектин энеси жедигердин Кудакесинин кызы деген), 2010-жылы өткөн кайсы бир элдик жыйында Бишкектин таякелери табылгандыгын жазат. Эгер 2010-жылы жыйынга катышкан аксакалдар 1930-жылдан берки мезгилде туулган адамдар болушса, алар совет мезгилинде тарбия алып, санжыра эмес, уруулук бөлүнүштөрдү унуткан муундун өкүлдөрү болушкан. Тарыхты тактоо үчүн XX кылымдын башында чогултулган санжыра кол жазмаларынан издесе максатка ылайык болмок. Тарыхчынын иликтөөсү жазуучунукунан эч айырмаланбастан, ага окшош маалыматтар менен коштолот. Алсак, Бишкек баатыр катышкан акыркы согуш деп 1759-жылы күзүндө Фергананын чыгыш тоо этектеринде кытай армиясы менен болгон салгылашууну көрсөткөн (аталган эмгек.- 29-бет). Биринчиден, ошол согушка Бишкек катышкандыгын кайдан алган? Тарыхта факты жок болсо ал калп болот. Экинчиден, XVIII кылымдын ортосунда Фергана тоолорунда гана эмес, дегеле жалпы кыргыз жоокерлери цин кытай аскерлери менен беттешкендиги тууралуу маалыматты эмнеге көргөзбөйт. Себеби мындай окуя тарыхта болгон эмес. Ө. Осмоновдун эмгеги кыргыз тарых илиминдеги, постсоветтик мезгилдеги илимден алыстоо синдромуна ачык мисал болот.
Тарыхчынын көргөзүлгөн макаласы кыргыз коомчулугундагы ар кыл чөйрөдө эмгектенишкен тарыхка кызыгуучуларга жем таштап берген. Алар биринин артынан бири А. Стамов менен Ө. Осмоновдун эмгектерине таянышып түркүн макала-маалыматтарды жазышкан. Ошентип кыргыздын кулагына жагымдуу «Бишкек баатыр» термини калыптанып калды. 2012-жылы публицист Кубан Мамбеталиев, 2016-жылы Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов Бишкекке арналган макалаларды жазышкан. Алар дагы толук бойдон А. Стамовдун каталарын кайталашып, маалымат булактарын тактоого аракеттенишкен эмес. Мына ушундай жаңылыш, такталбаган маалыматтардын базасында жазылган Бишкекти баатыр деген маалымдама кабарлар массалык маалымат булактарынын бардык тармагына, т. а. теле, радио, газета, журнал, интернет сайттарына кеңири тарады.
Бишкек жөнүндөгү тарых даректери
Борборубуз Бишкек шаарынын түптөлүшүнө өбөлгө түзгөн, ошондой эле шаарыбызга атын берген бабабыз Бишкек ким болгон. Алгач Бишкектин инсан катары реалдуу жашоосун тактоодон мурун, биз шаарыбызды түптөөгө негиз салган киши сөз жок атактуу адам же кылычынан кан тамган баатыр, болбосо эл башкарган падыша болуш керек деген калпыс түшүнүктөн айрылышыбыз керек. Андай болбогон шартта тарыхый чындык эч качан ордуна келбейт. Тарыхта калган ири окуялардын негиздөөчүлөрү жөнөкөй адамдардын катарынан чыккандыгын көргөзгөн маалыматтар көп эле кездешет.
Жөнөкөй эле мисал атактуу Рим шаарын негиздеген деп эсептелинген легендалуу Ромул ата-энеси жок жетим болгон. Аны карышкыр эмизип өстүргөн. Ошондуктан Рим шаарында карышкырга эстелик орнотулган. Биздин шаарыбыздын негиздөөчүсү тарыхый инсан Бишкек жөнүндөгү баяндамалар жогоруда эскерилгендей ар кандай жасалма жолдор менен ойдон чыгарылган окуялар менен коштолуп, бурмаланып кеткен. Мындай кейипкерлерди жасалма даңазалоо, эртеби же кечпи реалдуу изилдөөлөрдүн аркасында ачыкка чыкканда, коомго терс таасирин берет. Ошол себептен туура, так илимий анализ жасоого аракеттенишибиз керек.
Колубуздагы санжыралык кабарлар менен уламыштардагы маалыматтар Бишкек тарыхта жашап өткөн реалдуу инсан болгондугун тастыктайт. Ошондой эле Бишкек кыргыздардын калмактар менен болгон согуштарына катышкан эмес, балким ал окуялар болгон мезгилде жаштык куракта болгондугу байкалат. Ошондуктан аны XVIII кылымдын орто ченинде туулгандыгын болжолдой алабыз. Жогоруда белгиленгендей Бишкектин урпактарынын эскерүүсүн жазган Ш. Үмөталиев Бишкек солтонун чоң манабы Түлөбердинин уулу Канай бий менен замандаш болгондугун эскерет. Ал эми Канай эмес анын атасы Түлөберди кыргыз-калмак согушу аяктаганда туулгандыгы тууралуу так маалымат бар. Мисалы кыргыздын алгачкы тарыхчыларынын бири Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) кыргыздардын калмактарды талкалап, Чүйгө алгачкы келгендигин тактоодо, солтодо Кошой бийдин баласы Жамансарттын аялы кыргыздар Чүйгө келип конгондо эркек бала төрөгөн окуяны эскерет. Калмактан Чүйдү бошоткон эл, бул жерге эсен-аман келдик деп, баланын атын Эсенаман койгон экен. Эсенаман 85ке чыгып өлгөн. Ал киши каза болгондо туулган бала Чоңайылчы, 1914-жылы 73 жашта деп эсептейт. Ошентип, Канай бийдин атасы Түлөөбердинин агасы Эсенаман 1756-жылы төрөлөт [27; 137]. Дал ушул окуяны жана датаны XIX кылымдын 2-жарымы- XX кылымдын башында жашаган адамдардын, т. а. Алымбектин жана Бөөмбай уулу Насирдиндин санжыраларынан табабыз. Санжыра сөздөрдө Бишкек Канай менен алака жасагандыгы эскерилет. Эгерде ал Канай менен замандаш болсо, Бишкек эң жок дегенде Канайдын атасы Түлөөберди менен курдаш адам болушу мүмкүн эле.
Санжыралык жана архивдик изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы азыркы борбор шаарыбызга ысымы берилген Бишкек бабабыз калмак доорунан кийинки заманда жашап, кокондук Мадалы хан Чүйгө Бишкек чебин салдырганга чейинки мезгилде көзү өткөндүгүн көргөзөт. Белгилүү адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев Бишкектин өзүнүн тукуму Молдокул Пишпековдун жана жергиликтүү санжырачы Багакбай аксакалдын айткандары боюнча Бишкек солтонун манабы Канай менен бир мезгилде жашагандыгын жазат [30]. Анда Багакбай «Кыргыз менен калмактардын чабышын Бишкектин атасы Кенендин заманы деп, ал эми кыргыздардын Чүйгө келип Абылай баштаган казактар менен жайыт талашкан убактысын Бишкектин мезгили» деп баяндайт. Анын Бишкектин Баймурат, Манаккозу, Манапбай, Жорго, Рыскул деген беш баласына өлөр алдында айткан керээзинде «көзүмдүн тирүүсүндө манаптар кулдун тукуму деп басмырлап келди. Алдыман чаап чыгып, жолумду бөгөдү» деген сөздөрүнөн, Бишкектин карапайым элдин ичинен чыккандыгы айтылып жатат [30].
Муса Байгариновго Бишкек тууралуу айтып берген 80 жаштагы карыя Чүкүш Жакшылыков Бишкектин атасы Кенендин агасы Белектин чөбөрөсү болгон. Алардын айтып бергендигин Муса Байгариновдон 1970-жылдын 27-апрелинде Илимдер академиясындагы Тил жана адабият институтунун кенже илимий кызматкери Турдубай Абдыракунов кагазга түшүргөн. Муса аксакал Бишкектин туугандарына жакында эле жолуккандыгын эскерет (КР Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду, №564. Кыргыз элинин санжырасы. Жыйнаган Муса Байгаринов.- 65, 65а-65-беттер). Биз Чүкүш карыя 1970-жылы 80 жашта болсо, ал 1890-жылы туулгандыгын билебиз. Чүкүштүн атасы Жакшылык болжолдуу 1860-жылдардын айланасында туулган болот. Анын атасы Жарбаң 1830-жылы, ал эми чоң атасы Белек XVIII кылымдын аяк чендеринде туулгандыгын болжолдой алабыз. Ал эми Белек, Бишкектин атасы Кенендин бир тууганы, демек Кенендин уулу Бишкек болжолдуу XVIII– XIX кылымдардын аралыгында жашап өтүшү мүмкүн.
Бишкектин небере-чөбөрөлөрү 1924-25-жылдары Бишкектин өлгөндүгүнө 120 жыл чамалуу болуп калды деген Муса Байгариновго айтып берген маалыматтарга караганда, Бишкек болжолдуу 1805-1810-жылдардын тегерегинде каза болгон. Ошол эле айтуучунун Бишкек 80 жаштан аша жашаган экен дегенин эске алсак, ошол XVIII кылымдын 30-40-жылдарынын ичинде туулушу мүмкүндүгүн болжолдой алабыз. Жалпысынан алганда Бишкек XVIII кылымдын ортосунан XIX кылымдын башы чендеги аралыкта жашаган окшойт. Муну орус архивдик документтери дагы тастыкташат. XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардын чарбалык абалын чагылдырган орус архивдеринде Чыгыш-Сокулук болуштугунда Бишкектин (балдары эмес) неберелери жашап тургандыгын көрөбүз. Алардын биринде Бишкектин Ырыскул деген уулунун балдары тууралуу маалыматтар жазылган. Д. Сапаралиевдин архивдик маалыматтарында ошол эле болуштукта Бишкектин урпактары Мамбет Пишпек жана Аманбек Пишпек тизмеде кездешет [24].
Бишкектин ишкердүүлүгү
Бишкек өз мезгилинде жай турмуш өткөргөн инсан болгондугун пайдаланган маалыматтар билдирет. Ал саясий бийликте болгон эмес. Себеби, Бишкек чыккан жоочалыш уругу солто уруусунун ичиндеги букара уруктардан болгондуктан, мындай, букара уруктун өкүлдөрү уруудагы ири саясий орундарга өткөрүлгөн эмес. Бирок Бишкектин замандаш кыргыздардан өзгөчөлүгү, анын жаңычылдыгында турат. Көчмөн малчы туугандарынан айырмаланып, ал жер иштетүүгө, бак-дарак тигүүгө, короо-жай салып, соода менен алектенгендиги жана кол өнөрчүлүктү негизги чарбага айландыруу аракеттери кыргыз коомундагы жаңы чарбалык жашоого жол салган. Бишкектин дыйканчылыкка ыңгайлуу жерди таап, ал жерди иштетип, там салып, дарак тиккендиги соодагерлердин көчүп келүүлөрүн шарттаган. Бишкек жөнүндөгү санжыра маалыматтары анын бийликти ээлеп турган манап туугандарына көз каранды эмес жашоо кечирип, эркин болгондугун көргөзөт. Бай-манаптарга карата теңтайлаша мамиле кылгандыгы, аны эл көзүнө баатыр катары дагы көргөзүшү мүмкүн болгон. Бишкек ак эмгеги, маңдай тери менен байлык таап, балдарынын бакубат жашоосуна жол ачып берген. Ошондуктан эл арасында белгилүү, таанымал инсанга айланып, ал тууралуу замандаштары «баатыр» деген атак менен кайрылышы толук ыктымал. Балдары атасы өлгөндөн кийин, чоң аш берип, көрүнүктүү коргон салгандары, ал жердин акырындык менен Бишкек деп аталып кеткендигине шарт түзгөн. Негизгиси, Бишкектин чарба жүргүзүүсү, ал жашаган жерге, кийин адамдар келип, шаар түптөшүнө өбөлгө болгон. Ушул себептерден улам биз Бишкек бабабызды борбор шаарыбыздын алгачкы негиздөөчүсү деп түздөн-түз айтууга акылуубуз. Ошондой эле Бишкек бабаны кыргыздардын отурукташуу жашоосунун башатында турган, Баба дыйкандын образы катары да кабыл алууга болот.
Бишкектин коомчулукка тийгизген таасири
Бишкектин дыйканчылык менен жер иштетип, жашоо турмушун жакшыртып кеткендиги башка туугандарына жана замандаштарына үлгү болуп калса керек. Анын эмгегин көргөн жөнөкөй кыргыздар эле эмес, кыргыз коомундагы ири байлар жана манаптар сыяктуу ак сөөктөрдүн өкүлдөрү дагы дыйканчылыкты баалай баштаган көрүнөт. Муну 1876-жылы жазган Н. Пантусовдун макаласынан көрсө болот. Ал «Бишкек и Аламедин» деген макаласында кыргыздардын жер иштетүүсү тууралуу жазып, белгилүү солто манабы Байтик Канаевдин атасы Канай Түлөөберди уулу учурунда Ала-Арча суусунан Бишкекти карай зор арык каздыргандыгын баяндайт [28]. Бишкектин замандашы катары көрсөтүлүп жаткан
Канай андан бир аз кичүү болушу мүмкүн эле. Анткени Бишкек Канайдан мурда каза болгондугу уламыштарда кабарланат. Балким, Бишкектин дыйканчылыктагы ийгиликтерин көргөн Канай, колундагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кол астындагы адамдардын күчү менен арык каздырышы ыктымал эле. Ал арык азыркы Бишкек аймагын жердеген кыргыздардын жер иштетүүсүнө салымын кошсо керек. Мындан чүйлүк кыргыздар Бишкектин заманынан тартып, жер иштетүүгө активдүү киришкендиги байкалат.
Ал эми элдик маалыматтар Бишкек деген жердин аталышы анын ишмердүүлүгүнө эмес, ал каза болгондон кийин курулган коргонуна байланыштуу пайда болгондугун кабарлайт. Болжолу, Бишкектин коргону 1825жылы түптөлгөн Кокон чеби курулганга чейин салынып, ал жер ага байланыштуу Бишкек деп аталат. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын аймагында көп эле кездешет. Алсак «Ыстам арык», «Шамен арык», «Асанбай», «Ниязбек коргон», «Кочкорбай» ж.б. көптөгөн аталыштарды мисал катары көргөзүүгө болот.
Кийинки мезгилде Бишкек бабабызды «Бишкек баатыр» деп даңазалап, элдин оозу бул терминге көнүп кетти. Бирок бизде совет бийлиги орногонго чейин эле, б.а. падышалык Россиясынын мезгилинде кыргыз эли ал кишини кантип аташкандыктары тууралуу маалыматтар бар. Белгилүү окумуштуу академик В. В. Бартольд 1893-1894-жылдары илимий максатта Кыргызстандын аймагына келген. Ал Пишпек шаарынын айланасындагы эски шаар чалдыварларын изилдеп жүрүп, минтип жазат: «Пишпектин өзүндө, бир аз чыгыш тарабында соңку мезгилдерге таандык Пишпек-Ата деп аталган коргондун калдыктары бар» (Бартольд В. В. Отчет о поездке в Среднюю Азию с научною целью 1893-1894 гг.- Соч.т.4.-М.,1966.-С.43) [3]. Бул жерде Бишкектин коргонунун урандылары тууралуу сөз болуп жаткандыгы талаш жаратпайт. Демек, көрүнүп тургандай кыргыздар ошол мезгилде коргонду Бишкек-Ата деп аташкан. Биз бүгүн деле тарыхта аталып калган аты менен Бишкек баатырдын ордуна БИШКЕК-АТА деп атасак болчудай.