Дасмия

Кыргыздар 4-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

         4-ТОМ

Санжыра, мурас, салт, элдик билимдер жана рухий маданият

Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Томдукта кыргыз элинин санжыралары жана санжыралык маалыматтарга тиешелүү макалалар, ошондой эле маданий мурастарды чагылдырган элдик билимдер тууралуу материалдар камтылды.

САНЖЫРА

АБУЛГАЗЫ БАХАДУР ХАН БИН АРАБ МУХАММЕД

ТҮРК САНЖЫРАСЫ

(экинчи бап)

Ижаараттын 1239-жылында

(Милладынын 1824-жылы) Казанда басылды.

Магул хандын баяны. Чыңгыс хан дүйнөгө келгенгече.

Асили лугат Мунглы турур, абалкылардын тили келбегенден бара-бара магул деп айтышты. Мунун маанисин барча түрк билер, кайгы маанисинде турур. Магулдун мааниси садда дил же кайгылуу садда деген болор. Бул тайпадан тогуз киши падышалык кылды. Абалы – Магул хан, акыры – Эл хан. Шараф ал дин Йазди «Зафар намэнин» маанисинде айтып турур: «Түрк калкынын ичинде ырасым бар, ар нерсени тогуз кылмак, ал тогузу магулдун тогуз калкынын өзүнөн турур жана да китептин абалында да айтылды, Кудай таала жараткан нерселеринин барчысын мертебе-мертебе жараткан деп, эч нерсенин санын, мертебесин тогуздан жогору жараткан эмес.

Магул хан көп жылдар падышалык кылды, төрт уулу бар эле. Абалкысы Кара хан, экинчи Өз хан, үчүнчү Көз хан, төртүнчү Көр хан турур. Магул хан өлөөрүндө улуг уулу Кара ханды өз ордуна коюп кетти.

Кара хандын баяны. Атасынан соң бүтүн элге падыша болду. Ар тоосу жана Кер тоосу бу заманда Улуг тоо жана Кичик тоо делет, аны жайлаар эле. Кыш болгондо Кара Кум жана Сыр суунун жакасын кыштаар эле. Кара хан заманында эл анча каапыр болду, ичтеринде бир мусулман калбады.

Угуз хандын дүйнөгө келгенинин баяны. Кара хандын улуг катынынын бир уулу болду. Көркөмү Ай, Күндөн артык, үч кече, күндүз энесин эмбеди. Ар кечте ал уул энесинин түшүнө кирип айтаар эле:

  • Ай ана, мусулман болгул, агер мусулман болбосоң өлсөм өлөрмүн, (асты) сенин эмчегиңди эмбейм, – деп. Энеси уулун кыя албады дагы теңирдин бирлигине ыйман келтирди. Андан соң тынчыган уул эмчегин эмди. Энеси көргөн түшүн жана мусулман болгонун кишиге айтпады дагы жашырды. Анын жөнү түрк калкы Йафестен Ааланча хан заманына че мусулман эле. Ааланча хан падыша болгондон соң калк башы, малы көп болду. Дөөлөткө асир болду дагы теңирин унутушту, барча эл каапыр болду. Кара хан заманында каапырлыкка ушунча бекем эле, атасы мусулман болгонун эшитсе уулу атасын өлтүрөр эле. Ал чакта магулдун расымы мындай эле: уул бир жашка жеткенче ага ат коюшчу эмес.

Уулу бир жашка жетти. Ошондо Кара хан элине жар салды, анан улуг той кылды. Той күнү уулун маараке ичине келтирди. Кара хан бектерине айтты:

  • Биздин бу уулубуз бир жашка жетти, эми буга не ат коёрсуз, – деп. Бек жооп берерден мурун уулга раван келип тилге келди.

Байит: Атымдур Угуз билиңлер айан,

Наамымдур Хысыр билиңлер айкын.

Барча акылдуу, өнөрлүү, тойго келген улуг жана кичик барчасы баланын бу сөзүн эшитип таң калышты, дагы айтышты: – Бу бала өз атын өзү айтып турур, мындан жакшы ат болорбу деп (атын) Угуз коюшту. Дагы айтышты: – Бир жашар баланын минтип сүйлөгөнүн эч заманда эч киши эшиткен да, көргөн да эмес, «бу узак өмүрлүү, улуг дөөлөттүү, уучу узарган, жаны жайылган (уул) болгой», – дешти. Угуздун тили чыгып жүргөндө «Алла», «Алла» деп ар дайым айтаар эле. Ар ким эшитсе айтаар эле: бала тили келбестиктен не айтаарын билбей айтып турганы деп. Анын себеби лугат «Алла» араб тили турур. Магулдун эч атасы араб тилин эшиткен эмес. Угузду кудай мадразад вали жаратты. Угуз жигит болду. Кара хан ага иниси Өз хандын кызын алып берди. Угуз киши жокто кызга айтты: Аалыми ва сафи ва бизди жараткан бар, анын аты Алла турур, аны билгил дагы берилгил, анын буюрганынан өзгө иш кылбагыл, – деди. Анда кыз аны кабыл кылбады. Шол заматы копту дагы кыздан башка жатты. Түнү башка жатып күндүзү сүйлөшпөдү. Бир нече убактан соң Кара ханга айтышты:

  • Уулуңуз колуктусун сүйбөй турур. Сүйбөгөндөн алган күндөн бери бир жерде жатпай жүрүшөт.

Кара хан бул сөздү эшиткенден соң дагы иниси Көр хандын кызын алып берди. (Угуз) ага да ыйман арызы кылды. Ал кыз да кабыл кылбады. Аны менен да бир жерде жатпады. Бу окуядан соң нечен жылдар өткөндөн соң Угуз хан ууга чыгып кайтып келе жатып суунун жагасында бир нече зайып кир жууп турушканын көрдү. Атасынын иниси Көз хандын кызы да булардын арасында олтуруптур. Кызга киши жиберип сөзлөшсөм сырым ашкере болор деп коркту дагы кызды бөлүп чакырып ант айтты:

  • Атам мага эки кыз алып берди. Аларды сүйбөгө-нүм дүн себеби бу: мен мусулман, ал каапыр, ар ченде мусулман бол дедим. Кабыл алышпады. Агер сен мусулман болсоң эми сени алаар элем, – деди.

Анда кыз айтты: – Сен не болсоң мен ошол жолдо болою, – деди.

Андан соң Кара хан Көз хандын кызын улуг той кылып Угуз ханга алып берди. Ал мусулман болду. Угуз хан аны абдан сүйөөр эле. Мындан көп жылдар өттү. Бир күнү Угуз ыраак жерге ууга кетти. Кара хан барча жарандарын чакырып аш берди, дагы сөзлөшүп отурганда катынынан сүрдү: – Мунун себеби не турур, Угуз соңгу алган катынын сүйөөр да мурунку алган эки катынынын кашына эч барбас? Катыны айтты: – Мен билбейм, келиндер жакшы билээр, – деди, Хан келиндерден сүрдү, анда улуг келини айтты: – Уулуңуз мусулман болду, анын үчүн уулуңуз аны көбүрөөк сүйөөр, – деди.

Ошондо Кара хан бу сөздү эшиткенден соң бектерин чакырып кеңешти дагы сөздү буга токтотту: Угузду ууда жүргөндө өлтүрмөк болушту. Кара хан элине киши жиберди, «тез келишсин, ууга чыгармын», – деп. Бу сөздү Угуздун кичик катыны эшитип Кара хандын кылган кеңешинин барчасын айтып Угуз ханга киши жиберди. Угуз хан дагы бу сөздү эшиткенден соң элине киши жиберди. «Атам черик тартып мени өлтүргөнү келет, мен дегениң мага кел, атам дегекин атама бар», – деди. Элинин көбү Кара ханга барды, азыраагы Угуз ханга барды. Кара хандын инилеринин көп уулдары бар эле. Аларды Кара хандан айрылаар деп эч кимдин көңүлүнө келбес эле. Алардын барчасы Угуз хандын кашына келишти. Угуз аларга Уйугур (деп) ат койду. Уйугур-түркү тили, мааниси барчага маалым, «жабышкыр» маанисине келээр. Айтышат: «Сүт уйутту» деп сүт иригенде бири-биринен айрылат, катуу болгондон соң бири-бирине жабышаар. Жана айтаар: «имамга уйудум» деп. Имам олтурса олтураар, турса тураар. Алар келип Угуз хан этегине эки колу менен бекем жабышты. Ошондо Угуз хан аларга Уйугур деди, жабышкыр дегени болор.

Кара хан менен Угуз хан сап тартып урушушту. Кудай таала Угуз ханды галыб кылды. Кара хан качты. Урушта Кара хандын башына ок тийди, кимдин атканын билишпеди. Кара хан ал жерден өлдү. Угуз хан атасынын тактына олтурду.

Угуз хандын хан болгонунун баяны. Угуз хан элинин барчасын даарат алдырды. Мусулман болгондорун сыйлады, болбогондорун чапты. Үздөрүн өлтүрдү, уулдарын асир кылды. Ал убакта Кара ханга таандык элден башка элдер көп эле. Ар бир улуг элдин ар башка падишахы бар эле, кичик элдер аларга кошулаар эле. Кара хандын мусулман болгон элдери Угуз ханга кошулду. Мусулман болбогондору өзгө хандарга барып кошулду. Угуз хан ар жылда магул журтунда олтурган элдер менен урушаар эле да галыб келээр эле. Акыры барчасын алды, качып кутулгандары татар ханына барып сыйынышты. Татар калкынын ханы ал убактыда чүрчүткө жакын олтураар эле Чүрчүт деген бир улуг журт турур. Шаарлары, кендлэри көп, Кытайдын Темир казык тарабында болоор. Хинди менен тажик аны Чын дейт. Угуз барып татарды чапты. Татар ханы көп черик менен келип урушту. Угуз басты, дагы лашкеринин колуна ушунча өлүк мал түштү – жүктөмөккө ат аздык кылды. Бир жакшы чабар киши бар эле. Ал пикир кылып араба жасады. Андан көрүп барчасы араба жасашты. Малдарын жүктөп кайтышты. Арабага «Канук» деп ат коюшту, андан илгери аты да жок, өзү да жок эле. Ан үчүн канук дешти. Жүргөндө «каңкы-каңк» (деп) аваз кылар эле, аны жасаган кишини Каңгылуу дешти. Барча каңглы эли ал кишинин уулдары турур. Угуз хан жетимиш эки жылга че магул менен татар өз сөңгөгү эле, алар менен урушту. Жетимиш үч жыл болгондо барчасын өз оозуна бактырып мусулман кылды. Андан соң жүрүп Кытайды, Чүрчүттү алды жана дагы Тангутту алды. Тангутту тажиктер деп жүрүшөт. Андан соң Кара Кытайды алды. Ал да улуг журт болоор. Кишисинин чырайы ындыдай кара болор. Индустан менен Кытайдын арасында, дагы Мухит деңизинин жээгинде болор. Таңгуттун кыш болгондо күн туушу жана жаз болгондо түштүгүндө болор.

Кытайдын нары жүзүндө деңиз жээгинде бек бийик тоолордун ичинде көп элдер бар эле. Анын падишахынын атын Ит Барак дешчү, анын үстүнө аттанып барды. Урушушту. Ит Барак хан жеңип келди. Угуз хан качты. Урушкан жеринин бери жүзүндө агып бара турган эки улуг дарыя бар эле. Ал эки суунун арасында туруп бир нече күн качкан лашкеринин алды артын жыйды. Улуг падышалардын адаты турур, узак сапарга барганда көчтөрүн ала бармак. Нөкөр калкынын да кай бири алып барышыптыр. Угуз хандын бир жигити бар эле, көчүн алып барган эле. Урушта өлдү. Катыны кутулуп эки суунун арасында хандын соңунан кетти. Кош бойлуу эле. Туткагы тутту. Күн суук эле. Кирмекке үй жок эле. Чер жыгачтын ичинде уул тууду. Муну ханга маалым кылышты. Анда хан айтты: – Мунун атасы биздин алдыбызда өлдү. Камкору жок уул экен да (деп) атын Кыпчак койду. Каадыми түркү тилинде ичи кууш жыгачты кыпчаак дешчү экен. Аның үчүн ал уулду «жыгач ичинде туулду» деп атын Кыпчак деп коюшту. Бу убактыда да ичи кууш жыгачты чыбчак дешет. Кара калк тили келбегенден «каф» ты «чым» деп окушту. Ошол «Кыпчак» турур, «чыбчак» – айтылганы. Ал уулду хан өз колуна саптады. Жигит болгондон соң урус, дагы олак, дагы мажар, дагы башкурт элдери бар эле, Кыпчакка көп эл жана нөкөр берип ал жакка жиберди. Тын жана Эдил – улуг суунун аты. Үч жүз жыл аерде падышалык кылды. Барча кыпчак эли анын насилинен. Угуз хандын заманынан Чыңгыс хандын заманыга че Тын, Эдил жана Жайыкбу үч суунун жакасында кыпчактан өзгө эл жок эле. Төрт жүз жылга че ал жерлерде олтурушту. Аның үчүн ал жерлерди Дашт-Кыпчак дейт.

Угуз хан Ит Барак ханга бастыргандан соң он жети жылдан соң дагы аттанып барып Ит Барак менен урушуп, басып, Ит Барак ханды өлтүрүп, журтун алып мусулман болгондорго тийбей коюп, теңирге ыйман келтирбегенин өлтүрүп, уулдарын асир кылып үйгө кайтып түштү.

Угуз хандын туран жана индустанга жүргөнүнүн баяны. Угуз хан тамам магул менен татар элинин лашкерин бир жамаат кылып Талаш менен Сайрамга жана Ташкенге жүрдү. Самарканд жана Бухара падишахлары сап тартып уруша албады. Улук шаарлар менен бекем калааларга бекиништи. Угуз хан уулдарын жиберди. Алар алты ай Түркстан менен Андижанды алып атасынын кызматына келишти. Угуз хан болгон вилаеттердин барчасына даругалар коюп Самарканд сапарына жүрдү дагы, Самаркандды алып даругалар коюп Бухарага барды. Бухараны алып Балхга барды. Балхды да алып Гур овлайатынын үстүнө барды. Кыш эле. Күндөр катуу суук эле. Гурдун тоолоруна кар көп түшкөн эле, лашкер журту жүрө албай кыйналды. Хан өкүм кылды: эч ким менден калбасын деп. Барып Гурду алды. Аңгыча эли келип жаз болду. Лашкер санын алды. Бир нече киши кем келди. Аларды сүрдү. Эч ким билбеди. Бир нече күндөн соң ал кишилер хан кызматына барышты. Хан алардын авалын сүрдү. Анда айтышты:

  • Бир нече киши лашкердин соңунан келер элек. Таг ичинде бир кечте улуг кар жаады. Андан соң жүрө албай шол жерде жаттык. Аттарыбыз, төөлөрүбүз барчасы өлдү.

Баар болгондон соң пыяда келе жатканыбыз, – дешти.

Хан өкүм кылды, ал жамаагатты Карлык десин деп. Барча Карлык эли алардын насили турур. Андан өтүп Кабил жана Газбини алды. Кашмир үстүнө жүрдү. Ал чакта Кашмирдин падишахынын аты Йагма эле. Кашмирдин бекем тоолору, улуг суулары көп болор. Йагма ага арка берип Угуз ханга багынбады. Бир жыл урушушту. Эки тараптан көп кишилер өлдү. Акыры Кашмирди алды дагы Йагманы өлтүрдү. Лашкерине катаал кыргын кылды. Бир нече убакыт анда туруп, кайтып Бадахшан үстү менен Самаркандга келди. Андан Магулстанга барып үйгө түштү.

Угуз хандын иран, шам жана мысырга сапар жүргөнүнүн баяны. Бир жыл турду. Экинчи жыл элине жар кылдырды: Иран сапарына жүрөмүн. Нече жылдык камын жыйышсын деди. Экинчи жылы аттанды дагы Талаш шаарына келди. Хандын лашкер соңуна койгон кишилери бар эле, карыган, азган, дашкан жана калгандарын алып келсин деген. Ал кишилер лашкер соңунда калган бир үйлүү кишини хан алдына алып келишти. Хан ал кишиден сүрдү:

  • Не үчүн кийин калып калдың? – деп. Ал киши айтты:
  • Көңүлүм азгындап лашкердин соңунан келээр элем, катыным бооз эле, тууду, ачкалыктан энесинин сүтү уулуна жетишпеди. Келатып суунун жээгинен көрдүм, бир шагал бир кыргоолду алды. Жыгач менен шагалды урдум. Анда шагал кыргоолду таштап качты. Аны алып кебеп кылып катыныма берип жаткан элем, ошондо койгон кишилериңиз жолугуп (мында) алып келишти.

Хан ал бакырга ат менен азык, мал берип эми черикке барбагын деп атың Калач (болсун) деди. Барча калач эли ошол насилден турур. Бу убактыда Халаж дешээр, Маверенахарда көп болушат. Аймак элине кошулуп турат. Харасан жана Иранда көп болор.

Угуз хан Талаштан өтүп, Самарканд менен Бухарага келип Аму суудан өтүп Харасанга барды. Ал чакта Иран журтунда жакшы падыша жок эле. Кеймурас өлгөн эле, (уулу) Хавашыңды ордуна падыша көтөрбөй турушкан эле. Андай кезди араб: «Малик тараиф» дейт. Мааниси: «ар элде бир төрө» демек болор. Түрктөр андай убактыны «үй башына бир кара хан» дээр. Мааниси, «ар үйдө бир хан» демек болор. Ал чакта Иран журту ошондой эле. Харасанды алды. Андан өтүп Ирак-Аажамды, Ирак-Арабды жана Азарбаныжан, Арман, Шам жана Мысырга че алды. Бу айтылган овлайаттардын бир нечесин урушуп, бир нечесин багындырып өзүнө таандык кылды.

Угуз хан Шам овлайатында турганда ишенген бир нөкөрүнүн колуна бир алтын жаа менен үч окту берди дагы айтты: – Жааны күн тугуш бир чөлгө, киши аягы жетпес жерге топуракка көөмп, бир учун чыгарып койгун жана окторун күн батыш тарабына сайылтып жааны кандай койсоң, муну ошондой койгун, – деди, Ал киши жарлыкка амал кылып келди. Мындан бир жыл өткөн соң үч улуг уулу Күн, Ай жана Жылдызга жарлап айтты:

  • Жат журтуна келип менин ишим көп, уу уулашка колум жетишпеди. Күн тугуш тарабында палан жолдун уусу кеп имиш деп эшиттим. Өз нөөкөрлөрүңүз менен анда барып отоо согуп келсеңиз, – деди. Андан соң үч кичик уулу Көк, Таг, Деңиз бу үчөөсүнө жарлап агаларына айткан сөздү айтып күн батыш тарабына жиберди. Бир нече күндөн соң үч улуг уулу бир алтын жаа менен көп ууну хан алдына келтиришти. Үч кичик уулу үч алтын ок менен көп ууну келтирип хан алдына коюшту. Аң эттерине көп эт менен түрлүү ашты кошуп калкты чакырып жаанын жана октун табылганын ырым кылып өзүлөрүнө кайта берди. Үч улуг уулу жааны сындырып алышты. Үч кичик уулу ар кими бирден окту алды. Алган вилаеттерде көп жылдар туруп, душмандарын жок кылып, досторун сыйлап, башы Сайрам, аягы Мысырга че алган вилаеттеринин барчасына акимдер коюп, кайтып өз журтуна түштү.

Угуз хандын журтуна келип той кылганынын баяны. Уулдарым жана калкым менен эсен-аман барып келдим деп улуг той камын кылып бир өргөө жасаттырды. Барча жыгачтарынын башына алтын каптады. Лаал, жакут, зумурут, фируза жана дүр менен марса кылдырды. Муну ошол үйдүн озуйпасына айтышат.

БАЙИТ

Бир үй тикти алтындан ал шахрыяр      Заңгырап көк чатырдай көркөмү бар.    Тогуз жүз жылкы, тогуз миң кой кырдырды        Булгаарыдан токсон тогуз сабаа кылдырды.      Тогузуна арак, токсонуна кымыз толтурду дейт,          Барча нөкөрлөрүн чакырып келтирди дейт.

Ал алты уулуна көп насыйкат айтып, бектерине билим үйрөтүп, көп журт, шаарлар, элдерди сый кылып берди. Бу байит анын озуйпасына айтылат.

БАЙИТ

Угуз кылды ал тойдо жыргамышы,

Бул алты угулды сыйыркамышы.

Булар көрсөтүп ерди марданалык,

Ата бирлан көп түрлүү фарзаналык.

Атага алар баш кылдылар жарлык.       Уруш күндөрүндө барчасы барлык.

Андан соң барча нөкөрлөрүнүн (жоону) аткан, чапкан жана кылган кызматтарына ылайык шаарлар менен сархытддар, кенддер менен наамдар берди дагы уулдарына сыр айтты:

  • Сиз үч улугуңуз алтын жаа таап келтирдиңиз дагы аны бузуп алдыңыз. Сиздердин атыңыз Бузук болсун, сиздерден болгон уулдарды да кыяматка жеткенче, бу күндөн тартып дүнүйө акыр болгончо Бузук дешсин. Үч ок таап келтирген үч кичик уулдарын үч ок деп айтты. Алардан болгон уулдарды бу күндөн тартып дүнүйө акыр болгончо Үчок дешсен. Жаа менен окту таап келдиңиздер, ал кишиден болбоду, теңирдин (буйругунан) болду. Бизден мурун өткөн калктар жааны падыша ордунда билип турур жана окту элчи иретинде (билээр), аның үчүн жаа окту кайсы тарапка тартып жиберсе, ок ошого барар. Эми мен өлгөндөн соң Бузук насилинен ар ким кабыл болсо, калк аны падыша кылсын, дүнүйө акар болгончо Бузуктун бир жакшысы падыша болсун, өзүлөрү ордуна олтурушсун. Үч октор сол болсун, үйдүн сол тарабында олтурушсун, жана дүнүйө акыр болгончо нөкөрлүккө ыраазы болушсун деп айтты. Угуз хан жүз он алты жыл падышалык кылып хак ракматыга барды.

Угуз хандын улуг уулу күн хандын падышалыгынын баяны. Угуз хандын Уйугур деп койгон жамаатынын ак сакалдуусунун уулу бар эле Эркыл кожо аттуу. Угуз хан тактында олтуруп өлгөнчө увазир, увакили ошол эле. Акылман жана даанышман, көп сыйлуу киши эле. Күн дагы аны увазир кылып жүрдү. Өзү өлгөнчө анын сөзүнө амал кылар эле. Эркыл кожо узак өмүр сүрдү.

  • Атаң жүз он алты жыл жайдын ысыгында саяда отурбай, кыш суугунда үйдө отурбай, кылыч уруп көп журтту алып, сиз алтооңузга берип кетти. Агер сиз алтооңуздун жана сиздерден болгон уулдар барчаңыздын Сөзүңүз бир болсо узак жылдар жана көп күндөр бу журтуңар колуңуздан чыкпас. Агер бир ооздуу болбосоңор айрылып олжо журтуңуз да кетээр, байырлуу журтуңуздар да кетээр, жана амалыңыз менен жаныңыз да кетээр, – деди. Күн хан айтты:
  • Атама кеңеш берер элеңиз, атам ордуна атамсыз. Сиз не иш окшотсоңуз мен аны кылаармын – деди. Эркыл кожо айтты:
  • Угуз хандан көп журт, элдер  менен  шаарлар, өлүк мал менен тирик мал калды. Сиз алты уулдун ар бириңизден төрт уул, барчасы жыгырма төрт падыша заада болуп турур. Сиз алтыныңыздан башка мен алардан коркуп турам, дүнүйө үчүн оозуңуздар ала болор деп.

Эркыл кожонун сөзүн кабыл кылып (Күн хан) улуг курултай кылды. Жакшы, жаман калктын барчасы келгенден соң ал Угуз хандан калган вилаеттер, элдер, өлүк мал менен тирик малдын барчасын жыйылган падыша заадалардын улугуна улугча, кичигине кичикче (бөлүп) берди. Бу жыгырма төрт уулу адеми катындардан элс. Булардан өзгө куумалардан болгон уулдар көп эле, алардын ар бирине абалына ылайык үлүш берди. Андан соң Угуз калтырган алтын үйдү тиктирди. Оң жакка алты ак өргөө, жана сол жакка алты ак өргөө тиктирди. Жана да оң жакка башына алтын тугук бүркүткөн кырк кулач агачты тиктирди, жана сол жакка башына күмүш тугук бүркүткөн кырк кулач агачты тиктирди. Хан жарлыгы менен Бузук уулдарды жана нөкөрлөрү менен алтын тугукту, Үчок уулдары көкөрлөрү менен күмүш тутукту ат менен чаап атышты. Тугуктарды урган кишилерге көп сый берди, Күн хан атасынын кылганына амал кылып тогуз жүз жылкы жана тогуз миң кой сойдурду, тогуз булгаары сабаага арак толтурду жана токсон булгаары сабаага кымыз салдырды. Кырк кече жана күндүз айыш ашрат кылышты.

Угуз хандын уулдары жана неберелеринин аттарынын баяны. Угуз хандын алты уулу бар эле. Улугунун аты Күн хан, экинчи Ай хан, үчүнчү Жылдыз хан, төртүнчү Көк хан, бешинчи Таг хан, алтынчы Деңиз хан. Бу алтоонун ар кимисинин төрт уулу бар эле. Адеми катынынан болгон жака куумадан болгону бар. Аны да айта жатаарбыз.

Күн хандын төрт уулу бар эле. Алар: Кайы, экинчи Байат, үчүнчү Алкаүйлү, төртүнчү Карүйлү.

Ай хандын төрт уулу бар эле. Абалы Йазыр, экинчи Йабыр, үчүнчү Дудурга, төртүнчү Дөкөр.

Жылдыз хандын төрт уулу бар эле. Алар: Ушар, экинчи Казык, үчүнчү Бекдели, төртүнчү Каркын.

Көк хандын төрт уулу бар эле. Улугунун аты Байандур, экинчи Бечене, үчүнчү Жайылдыр, төртүнчү Жете.

Таг хандын төрт уулу бар эле. Улугу Салур, экинчи Имур, үчүнчү Алайүнтлы, төртүнчү Үркер.

Деңиз хандын төрт уулу бар эле. Алар: Икдир, экинчи Бектер, үчүнчү Ава, төртүнчү Канык.

Угуз хандын бу алты уулунун ар кайсынысынын куумадан болгон бу айтылгандардан башка жана он төрт уулу бар эле. Аттары бу турур. Кайсы уулунан болгону маалым эмес.

Кенекүнэ, Турбатлы, Керейли, Султанлы, Оклы (Октуу), Көкли, (Көкүлдүү), Сачлы (Чачтуу), Харасанлы, Йорынчы (Жоорунчу), Жамчы, Турамчы, Койсуркы, бу убактыда аны Сархы (Саруу) дешет. Карачык, Казыгурт,

Кыргыз, Теке, Лала, Мардашуд, Сайыр.

Угуз хандын жыйырма төрт небересинин мааниси. Кайыны мааниси – бекем демек болор. Байаттын маанисидөөлөттүү демек болор. Алкайулынын мааниси – муафак демек болор. Кара үйлүүнүн мааниси – кайда олтурса кереге менен олтуруучу демек болор. Йазырдын мааниси – эл агасы демек болор. Йабырдын (Жабыр) мааниси – алдынан эмне учураса аны жыгаар демек болор. Дудурганын мааниси – журт алмактын, аны сактамактын билгичи демек болор. Дөкөрдүн мааниси – төгөрөк демек болор. Ушардын мааниси – ишти ылдам иштөөчү демек болор. Казыктын мааниси – бек демек болор. Бекделинин мааниси – сөзү кереметтүү демек болор. Каркындын мааниси – аштуу демек болор, Байандурдун мааниси-наабаттуу демек болор. Бечененин мааниси – кылуучу демек болор. Жайылдырдын мааниси – намыстуу демек болор. Жетенин мааниси – баатыр демек болор. Салурдун мааниси – кылыктуу демек болор. Имурдун мааниси – байлардын байы демек болор. Алайунтлынын мааниси – ала аттуу демек болор. Үркердин мааниси, жакшы иш кылуучу демек болор. Икдирдин мааниси – улуг демек болор. Бектердин мааниси – кызматкер демек болор. Аванын мааниси – мартабасы билинди демек болор. Каныктын мааниси – азис демек болор.

Күн хан жетимиш жыл падышалык кылды. Андан соң бир иниси Ай ханды өз ордуна олтуртуп хак ракматыга кетти.

Ай хандын падышалыгынын баяны. Ай хан жакшы жана адал, оор басырыктуу жана адептүү киши эле. Агасынын айткан насыйкатын кабыл кылып көп жылдар атасынын салган үйүн бааналап жүрдү. (Акыры) хак рахматыга кетти.

Жылдыз хандын баяны. Бул дагы жакшы падыша эле. Жаздым болбосун(жайын) жакшы билбейбиз. Ай хандын небереси беле, Жылдыз аттуу бир иниси бар эле. Ким болсо да Угуз хандын насилинен болор эле. Бир нече жыл падышалык кыльшып уулу Менлини такка отургузду. Өзү апаат тапты.

Меңли хандын баяны. Шарап, ак аш ичип, кара киш бычып, Айдай, Күндөй сулууларды кучуб, сымаптай жорголорду жана пилдей жүйрүктөрдү минип, көңүлү жеткен жерлерге учуп, уулу Деңиз ханды өз ордуна олтуртуп ал дүйнөгө кетти.

Деңиз хандын баяны. Деңиз хан дагы көп жылдар падышалык кылды. Бир нече жылдар теңирге пенделик кылып (акыры) апаат тапты.

Эл хандын баяны. Эл хан магул элине падыша болду. Жана айттык татар хандарынын тогузунчусу Сүйүнчү хан эле деп. Эл хан  менен Сүйүнчү хан экөө бир чакта (болгон) эле. Экөөнүн ортосунда дамамат уруш-талаш бар эле. Эл хан галыб келээр эле. Ал себептен Сүйүнчү хан Карга ханга киши жиберди, көп белектер берип дагы башка убадалар кылып аны өзүнө жар кылды. Ал жерлерде эл көп эле. Магул эли барынан көп эле. Ар заманда уруш-талаш болгондо кай урук менен урушса да магул жеңип келээр эле. Түрк элдеринде магулдун деми өтпөгөн, колу жетпеген эл жок болор эле. Бу себептен барча элдер магулду күнүлөп, «аа, семирди» дешээр эле. Сүйүнчү хан Карга ханды өзүнө жар кылгандан соң, элинин барына элчи жиберип, өзүнө көмөк жыйып, «балан күнү таң ичинде бир жерде табышалы дагы магулдан өчүбүздү алалы деп, ошол айткан жерлерде барчалары бири-бирине кошулуп магулдун үстүнө жүрүштү. Магул эли үйүк, малын бир жерге жышып, чериги менен үй алдыларына ор казып олтурушту. Сүйүнчү хан барып бир канча күн урушту. Ар дайым магул жеңип келди. Бир күнү Сүйүнчү хан баштаган бардык элдин ханы, бектери оолакта кеңеш курду. Магулга бир айла кылбасак ишибиз оңбос деп эртеси таң эрте качкан болуп артка тартышты. Лашкери оор жүгүн, жаман малын таштап көчүп кайтышты. Магул аны урушка бет тура албай кайтып барат деп аркасынан кууп жетишти. Магулду көрүшкөн соң кайра тартышты. Экөө бирдей урушушту. Татар жеңип келди. Магулду өлтүрө-өлтүрө үйүнө (чейин) келди. Барча магулдун үйү бир жерде эле. Үйүн, малын ушунча талады – эч ким кутулбады. Чоңдоруну барын кылычтан өткөрдү. Балдарынын барын бендэ кылды. Ким көрүнгөнү самсытып талап кетти. Ошентип магулдан киши калбады. Эптеп эсен калганы ар кимдин эшигине эрмелди. Кожосу кайсы айылга барса атын тутту. Магул аты дүнүйөдө эч калбады.

Кыйан кенен нөкүздүн эргене конго (жарга кон) барып журт кылып отурганынын баяны. Сүйүнчү хан магулду чаап келе берди. Эл хандын уулдары көп эле, барчасы урушта өлдү. Бир кичик уулу бар эле Кыйан аттуу, аны шол эле кедхуда кылган эле. Эл хандын инисинин уулу бар эле Нөкүз аттуу. Кыйан менен жашташ эле. Ал да ошол жылы кедхуда болгон эле. Экөө тең бир коштогу кишилердин колуна түшкөн эле. Он күн болгондон соң бир кечте экөө тең катыны менен аттанып качышты дагы журтуна келишти. Жоону адаштырып качышты. Төрт түрлүү малдын ар түрүнөн табышты да экөө кеңеш курду.

Бирине-бири айтты:

  • Эгер айылга баралы десек төрт тараптагы айыл барчасы түгөл жоо, асер барбай журтта отура берсек, жүргөнтурган бирөөгө учурабай койбоспуз, эми жакшысы бул: бир тоонун ичинен киши жолу түшө элек бир жер издеп көрөлү, – деп малын айдап тоо ичине барышты. Бир бек тоонун ичинде кар баскан жолго салышты. Тоонун үстүнө чыгыш наркы өйүзгө өтүштү дагы айланып жакшылап көрүштү. Өзүлөрү келген жолдон өзгө жол жок (эле). Анан дагы ал ушундай бир жол эле, – бир төө же бир ат жүз эмгек менен өтөр эле. Агер аягың галааты басса күмжам болоор эле. Ичинин кеңдиги эч теңдеши жок, агын суулар жана от жерлер, мийвалар жана дарактар (бар эле) түрлүү-түрлүү. Алар ал жерди көрүшкөн соң теңирге шүгүрлүк келтиришти. Кышындасы малынын этин жешти, жазыдасы сүтүн ичишти, терисин кийишти. Ал жерге Эргене Кон деп ат коюшту. Эргененин мааниси – тоонун кемери демек болор. Кондун мааниси тын демек болор.

Тоонун кары эриди. Бул экөөнөн уул-очок көп болду. Кыйан овладына кыйат деп ат коюшту, Нөкүз овладына эки (түрлүү) ат коюшту. Бир бөлүгүн нөкүстөр дешти, бир бөлүгүн дүрүлгөн дешти. Кыйандын мааниси – сел, тоодон күч менен келген, ылдам куюга келген (демек болор). Эл хандын уулу бар эле күчтүү жана тегиз киши эле. Ал үчүн кыйан дешээр эле. Кыйат Кыйандын жамааты турур. Көп жылдар бул эки кишинин уулдары Эргене Кон ичинде турушту. Уучтары узарып жандары жайылды.

Ар жамаагат (ар) башка уйумак болду, жана (ар башка) урук атын көтөрдү. Теңирим буюрса барчасын айтабыз, уйумактын мааниси сөңгөк демек болор. Түрк калкы бир кишиден сураса (минтип) айтаар; уйумагың не дээр, сөңгөгүң не демеги болор. Төрт жүз жылдан көбүрөөк Эргене Кон ичинде олтурушту. Малы-башы анча көбөйдү, сыйбай калды. Ал себептен бир жерге жыйылып олтуруп кеңеш курушту. Ошондо айтышты:

  • Аталарыбыздан эшиткен элек, Эргене Кондун тышында кең жерлер, жакшы журттар бар имиш. Биздин Журтубуз каадимде ошол жерлерде экен. Татар баштаган өзгө элдер биздин уругубузду кырып, журтубузду алган. Теңирге жүз мертебе шүгүр, бу жакта биздин башыбыз андай болбой турур, жана да душмандан коркуп тоо ичинде камалып олтургайбыз. Тоонун арасынан жол издеп табалык, көчүп чыгалык. Ким досмун десе аны менен көрүшөлү.

Барчасы бул сөздү макул көрүп чыкмакка жол издешти, табышпады. Бир темирчи айтты: – Мынабу темир тоо жалаңкатка окшойт, темирди эритсе болоор эле.

Ал жерди барып көрүп келишти да аны макул көрүштү. Элге отун жана көмүр салды, тоонун кең жерине бир кат отун, бир кат көмүр салышты. Тоонун үстүн, наркы бетин, берки бетин толтургандан соң жетимиш тарабынан  көөрүк жасап, жетимиш жерге куруп анан бүркүп басышты. Кудаанын кудурети менен от кызыганда соң тоо темир болуп ага берди дагы жүктүү төө чыккандай жол болду. Күндүн жана Айдын саатын карап тышка чыгышты. Андан магулга бул ырасым калды, ошол күнү айт кылышат, бир кесек темирди отко салып кызытышат, анан хан буюрары менен темирди тутуп тегиз жерге коюп, чүккүч менен урушат. Андан соң бектери (урат). Камалдан чыгып Атажуртуна келишкен үчүн ал күндү ажайып азис тутушат. Ал убакта магулдун падишахы кыйан насили курлас уругунан эле. Ал барча элдерге элчи жиберип Эргене Кондон чыгып келгенин маалым кылды. Бирээри жакшы көрүштү, бирээри жаман көрүштү. Татар калкы жаман көрүп жоо болушту. Татар менен магул экөө сап тартып урушту. Магул жеңип келди, чоңдорун кылычтан өткөрүп, кичиктерин олжо кылды. Ошентин төрт жүз элүү жыл дегенде хандыкты жана малды алды дагы Атажуртунда отурду. Ал жерде отурган түрк калкынын уруктары ичинде татардан көбү да, тууштуусу да жок эле. Эргене Кондон чыгып татарды кырып, Атажуртунда отургандан соң магул татарга жана барча элдерге баш болду. Кай бир элдер магулду бааналап, магул эместер да өзүлөрүн магулга кошту.

Магулдун жана Өзгө түрктөрдүн баяны. Насили, аталары жана ылакап ысымдары не эле? Кызырлуу кожо Рашид айткан эле:

  • Иранда Чыңгыс хан овладынан падышалык кылган жамагатдан мусулман болгон киши Чыңгыс уулу Төлө хандын уулу Алагүү хандын уулу Абака хан, анын уулу Аргын, анын уулу Газан олуя ал рахматы эле. Ал падыша болгондон соң бир жерди байтакты кылды. Мени чакырып, каниет, өзүнө увазир кылды. Бүтүн Иран мамлекетинин ыктыярын менин колума берди. Бир жыл болгондон соң бир күнү мени өзүнө чакырып айтты:
  • Алхамдулилла, биз мусулман болдук, биздин улуг абабыз Алагүү хан Магулстандан келгенден бери эки-үч арка өттү. Эми бизден соң дүйнөгө келгендер магулдун тилин да, сөзүн да, жерин да, журтун да, уруктарын да унутушаар жана билбей калаар. Магул журтунда отурган эл көп, алардын кайсынысынын сөңгөгү магул, кайсынысыныкы магул эмес, булардын барчасын бир-бирден жамак кылгын деп өкүм кылды. Мен арыз кылдым:
  • Бир кишинин колунан бир иш келээр, мага улуг кызмат буюрупсуз, – деп. Хан айтты:
  • Бул иш сенден өзгө кишинин колунан келбес, бизде магул тили менен бүтүлгөн китептер бар, бүтүлбөгөн сөздөрдү жат биле турган кишилерибиз бар деп беш, алты магулду, кары сөзүн биле турган кишилерди менин кашыма койду. Дагы хандын улуг беги бар эле, аты Кулату, лакабы Хэксаң (Кексе эле), ага кызмат буюрду, бу убактыда магулдун асилин жана нысабын сенден жакшы билээр киши жоктур, жана магул тилин сүйлөөрсүң, китебин окуурсуң деп өкүм кылгандан сон, Кулату Хэксаң баатыр баштаган ал жамаагат айтып беришти. Тарых ижараттын жети жүз жана экиси эле, мен бу тарыхты бүттүм жана атын «Жамаа ал таварих» койдум.

Ошол бакырдын тарыхынан алдым деп бу китептин башында да айткан элем. Мындан башка он жети Чыңгыс намэ даяр эле. Алардын өзүнөн бул китепке бир аз, бир аз киргиздим. Андан бери үч жүз жетимиш эки жыл болуптур. Кудай билет, жыйырма же отуз насыйкат бүткөн экен. Ар насыйкатка өткөзгөн сайын бир нече сөздү галаат кылса бүтүн тарыхтын үчтөн бирин же жарымын жалган кылаар. Тарыхта айтылган тоолордун, суулардын, жерлердин жана кишилердин аттары магул же түркү тили болор. Китеп айткан аалимдер бүтө турган китептер парсыны же тажикти, магулду билишер. Не түркү тилин, не магулдун айрым кишилеринин аттарын бир тажикке эгер он күн үйрөтсө үйрөнбөс, ал кантип жазсын. Бу бакыр (Абулгазы) түркү менен фарсынын тилин, сөздөрүн жана салтын билер эле. Кудай таалам бул жайында ыкыбал берди, бул убакытта түрк менен тажикте болсун (билимди мен) бакырына бергенче берген киши жоктур.

Дагы бир нерсе себеп болуп калмакка барып, анда бир жыл турдум. Магулдун тилин, ырасымын жана салттарын жакшы үйрөндүм. Бу тарыхты жакшы же жаман дебей түркү тили менен айттым. Айтканда да ушундай айттым, беш жашар бала түшүнөр, жана бир келме чагатай түркүсүнөн, арабдан кошпоймун, руш болсун үчүн. Агер ажалдын үндөөчүсү келбесе ушу китепти парсы тили менен мурса этмек көңүлүмдө бар. Теңирим буюрса көп сүйлөдүк, эми баштаган сөзүбүздөн калбайлы, абалы магулдан өзгө уруктарды билишибизче айталы. Магулду теңирим буюрса соңунда айтарбыз.

Угуз хандын дастанында айттык, түркү элинде ал эл атын көтөргөн беш урук бар деп: уйгур, каңглы, кыпчак, калач, карлук. Угуз уулдары түркмөндөн айрылбай Маверенахр менен Харасанга түштү. Кыпчак Эдил менен Жайык сууларынын араларында олтурат. Каңглы болсо түркмөн менен олтурар эле. Түркмөн вилайатына түшкөндөн соң Ысык-Көл жана Чуд (Чүй), Талаш-бу айтылган суулардын жакалары мекен кылып көп жылдар олтурушту. Үргөнч падышаларынан Бекиш хан каңглынын бир улугунун кызын алды Төрөкан аттуу. Султан Махмуд Хорезм шах ошол кыздан болду. Султан Махмуд улуг падыша болду. Журтунун бир тарабы Индустан жана бир тарабы Андижан жана бир тарабы Рум, байтактысы Үргөнч (эле). Каңглы калкынан ар ким ошол зайыпка жакын карындаш эле. Маал-маал Султан кызматына келип, ыйманга тооп кылып Султан кызматында турушту. Төрөкан катындын (бир) тууган агасы бар эле Хамар аттуу. Ал Султан кызматына келип мусулман болду. Султан (ага) Үргөнчтүн даругалыгын берди. Дагы да Төрөкан катындын атасынын уулу бар эле. Айналчык аттуу. Ал келип мусулман болду. Ага белекке Түркстан вилайатын берди дагы аким кылды. «Бул күндөн соң эч киши сени Айналчык дебесин, Гайур хан дешсин» – деди. Андан соң каңглынын бир жакшы кишиси бар эле Көк аттуу, ал келди. Ага Көк хан ат коюп Бухараны берди. Султан Махмуд Хорезм шаага каңглыдан келип нөкөр болгон элүү миң, алтымыш миң (адам) бар эле. Чудда жана Талашта калганы да миң үйлүү эле. Чыңгыс хан келип ал Талашта отурган каңглыны алды, барча журтун алды жана кырды. Каңглы ошол калк менен бирге жок болду. Бу жүргөн каңглылар соңунда жыйылып эл болгондору.

Карлук элинин баяны. Карлук эли Магулстанда бек тоолордун ичинде журт куруп отурушкан. Эгин эгишер эле, жана малы да болду. Бир жакшысын падыша көтөрүп алса, ал өлсө жана бирисин көтөрөр эле. Анча көп эмес эле. Кээде түзүк болгондо эки миң үйлүү болоор эле. Төрт жүз жылга жакын ал журтта олтурган соң, Чыңгыс хан магул элине падыша болуп, өзгө элдерди да багындырып, барлас Кубулай ноён дегенди элчи кылып мага багынсын, деп карлук элине жиберди. Ал убакта карлуктун падишахы Арслан хан деген эле. Ал Кубулай ноенго кошулуп, өз кызын баш кылып көп белектер менен келип ханды көрдү дагы ант ичти, өлгөнчө пенделигиңе моюн толгобойм деди. Хан дагы өз жамаатынан бир кыз берди. Энайат жана шафагат кылып кайтарды дагы Чыңгыс хан бектерине бакып айтты: муну неге Арслан хан деп болор, бу күндөн соң муну Арслан Сайрак дешсин деп өкүм кылды, Магулдун лугатында тажикти сайрак дээр имиш.

Уйгур элинин баяны. Уйгурдун мааниси жабышкыр демек болор. Айтышаар: сүт уюду (деп), сүт иригенде бири-биринен айрылар, качан гана уюгандан соң айрылбас, уюду дегени – жабышты дегени болор. Жана дагы айтышат; «имамга-уюдум» (деп) имам олтурса олтурар, турса турар, Мындай деп айтылат: магул журтунда эки тоо болор, күн тууштан күн батышка чейин керилген улуг тоолор болор, бирисинин аты Каратоо бозлуг жана биринин аты Аскунлук Тэкрам. Бу эки тоонун арасында, магул журтунун күн батышында дагы бир тоо бар, аны Кут тоо дешет. Бу айтылган тоолордун арасында бир жерде ага турган он сай бар, бир жерде тогуз сай бар, барчасы улуг суулар. Каадым уйгур эли ошол сайлардын арасында олтураар эле. Он сайда олтургандарын он уйгур дешээр эле, тогуз сайда олтургандарын тогуз уйгур дешээр эле. Шаарлары жака кенддери жана эгиндери көп болор эле. Жүз жыйырма урук эл эле. Бир кишини падыша көтөрүп алып анын оозуна бакпас эле (бийлигине баш ийбес болду), бу себептен бузулушту. Бир күнү барчасы жыйылып келишти, дагы айтышты: «биз эки бөлөк элбиз, ар кайсыбыз бир кишини төрө кылалы, ким анын сөзүн кабыл кылбаса малы талансын», – дешти дагы он уйгур уругунан Менгу Таты аттуу кишини төрө көтөрүштү. Эл йылтыр (Эл жыйгыр) лакаб (ат) коюшту. Тогуз уйгур өз уругунан бир кишини төрө көтөрдү. Көл эркин деп лакап (ат) коюшту. Бу экөөнүн уулдары жүз жылга че төрөлүк кылышты. Андан соң дагы бир уйгур болду. Он уйгурга ким төрө болсо «Эл жыйгыр» дешти. Тогуз уйгурга ким төрө болсо «Көл эркин» дешти. Көп жылдар төрөлөрүнүн атын ушундайча аташты. Андан соң төрө болгондорун «Ийиди кут» дешти. Ийидинин (маанисин ар ким билер, айтышат: мадабны ийинер (деп) сыйыр ийиди дегени болор, же сүтүн сактабады, агызды (дегени). Жанды түрк калкы кут дейт. Бирөөлөр айтаар: «атың, тонуң куттуу болсун» (деп), жандуу болсун дегени болор. Экөөнүн жаны болбосо ал кантип мубарек болмок. Ийиди кут дегени барча калк жанын берген (тагдырын тапшырган мааниде) демеги. Бу убактыда өзүбек «эриктүү киши» деп айтып келет. Экөөнүн мааниси бирдей. Үч жүз жылга че ушу айтылган журтта олтурушту. Андан соң бузулушту. Олжого таланып, туткунга кетип тозушту. Бир нечеси журтунда калып, бир нечеси Эртиш суунун жакасына келишти, дагы үчкө бөлүнүштү. Бир бөлүгү Бешбалык шаарына барып эгин эгин вилайатын абадан кылышты, бир бөлүгү жылкы, кой багып Бешбалыктын аягында көчүп-конуп жүрүштү, жана бир бөлүгү Эртиштин башында эч мал кармабай балык, кундуз, киш, суусар, тыйын чычкан уулап, этин жеп, терисин кийишер эле. Тирүү малды жана пахтадан болгон кумашты өмүрүндө көрбөс эле. Энелери кыздарын каргаса айтаар эле: «жылкы, койлуу кишиге түшүп (тийип) эт жеп, кымыз ичип башыңа каран күн түшкөй» деп. Чыңгыс хан заманында Баурчак деген ийиди кут эле. Ал Чыңгыс ханга киши жиберип, багынып, ар жылда мал жиберер эле. Чыңгыс хан аттанып Маверенахр үстүнө келгенде Баурчак ийиди кут лашкери менен келип жолдо Чыңгыс ханга кошулуп жакшы кызмат кылды. Уйгур калкында түркү тилин окуган кишилер көп болор эле. Жазма ишин жана диван эсебин жакшы билишер эле. Чыңгыс хандын төрөлөрүнүн заманында Маверенахрда, Харасанда жана Иранда дивандар жана дептер, даралар барчасы уйгурлар эле. Кытайдын журтунда да Чыңгыз хандын уулдары диван жана дептер дараны уйгур калкынан коёр эле. Чыңгыс хандын өзүнүн ордунда олтурган уулу Үгөдөй хан Харасан, Мазандаран, Киланды уйгур Көр Көз дегенге тапшырган эле. Ал жакшы эсепчи эле. Үч журттун малын жакшы сабат кылып, эсебин алып Үгөдөй ханга жиберер эле.

Текрин элинин баяны. Аны мекрин деп да айтышат. Булардын журту уйгур айылына жакын бир тоонун ичинде болор, асили магулга жана уйгурга кошулбас башка эл болор. Чыңгыз хан заманында… Үйлүү эле. Хан элчи жиберди, сөзү өкүм: – Теңирим мага улуг дөөлөт берди, төрт тараптагы элдин барчасы багынды, сен не айтасың, – деп. Ал чакта текрин төрөсү Чананч деген эле. Бөкөй аттуу көркөм, жакшы кызы бар эле. Аны баш кылып көп белектер менен келип, ханды көрүп багынды. Хан дагы көп сыйлык берип сыйлап кайтарды. Ал кызды хан алды. Барча катындарынан артык сүйөөр эле. Өлгөндөн соң уулу Үгөдөй хан алды. Ал дагы барча катындарынан артык сүйөөр эле.

Киркиз (же) кыргыз кем, Кемжут элинин баяны. Угуз хандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле, Анын насили болор. Бу убактыда кыргыз насилинен киши аз болор. Магулдан жана өзгө уруктардан (жер) отуна, сууга кызыгып кыргыз журтуна барып олтурушуп, кыргыз атын көтөрүп турушат. Өзүлөрү кайсы уруктан экенин билишет. Кем, Кемжут деп эки вилайат болор. Бир-бирине жакын, бир тарабы Селеңге аттуу жана бир тарабы Аңгыра муран аттуу эки суу агар, улуг суу турур. Ибир жана Сибир деген эки вилайат болор, кыргыз журту ага жакын турур. Кыргыз эли төрөсүн ынал дээр, магул жана тажик падыша дегендей. Ал убактыда төрөлөрү Орос ынал эле. Чыңгыс хан Буура дегенди элчи кылып мага багынсын деп кыргыз элине жиберди. Орос ынал элчисин жакшы сыйлап өзү келбеди. Көп белектер менен жакшы кишилер кошуп жиберди, багынды. Белектеринин башы-аягы, жүзү, көзү кызыл ак шумкар эле.

Уранкат, маңкыт элинин баяны. Бул элдердин журттары калың жыгачтын ичинде турур. Ал үчүн маңкыт (деп) ат коюшту. Булардын журттары кыргыз вилайатына жакын болор. Чыңгыс ханга багынышты. Булардан башка дагы бир орманкат аттуу эл болор. Экөөнүн бир-бирине эч карындашлыгы (туугандыгы) жок. Бу айтып турганыбыз өз алдынча бир башка эл турур, жана да магул Нөкүз уулдарынан турур. Ормон (токой) ичинде көп олтурган үчүн аларга орманкат ат калып турур.

Татар элинин баяны. Анын аты каадимде да бу убактыда машхүр турур. Кадимде жетимиш миң үйлүү эле, көп урук эле. Ар кайсысы «балан элбиз» деп айтышаар эле. Ар уругу ар башка жерде олтураар эле. Бүтүн жакшылары менен көбүрөөгү Кытайга жакын жерде Байыр нор деген жерде болор эле. Кытай падышаларына таат кылып кызматын кылар эле. Кез-кез Кытай падышасы лашкер жиберип, чаптырып өзүнө багынтаар эле. Аңгыра муран деген суунун жакасында олтураар эле.

Аңгыра муран кыргыз вилайатынын тушунан өткөн соң көп суулар ага кошулуп улуу суу болоор дагы Ачы деңизге куяр. Куйган жеринде деңиз жээгинде бир улуу шаар бар, кенддери көп, көчүп жүргөн малы, эли көп, жылкысы улук (ири) болор. Жылкысы биздин кунан жылкыбыздай болор, жылкынын барчасы ала, өзгө ыраңы болбос. Ал шаардын атын Алакчын дээр. Анын жанында күмүш кени болор. Ал элдин казаны да, табагы да, аягы да барчасы күмүштөн болор өзүбектин «ала жылкылуу, алтын очоктуу эл болот имиш» дегени ошондон. Чыңгыс хан өлгөндөн соң кыргыз журту жана анын төрт жагындагы журттун бары Төлө ханга таандык болгон эле. Төлө хан өлгөн соң уулдарына калды. Төлө хандын улуг катыны, барча уулдарынын анасы Сыйүр Куктай бийкенин ыктыярында эле. Ал катын үч бекти миң кишиге баш кылып кеме жиберди:

  • Алакчынга бар, колунан келсе чап, келбесе кабар алып кел, – деди. Көп убакыт өткөн соң жети жүзү өлүп, үч жүз киши менен үч беги кайтып келди, айтышты:
  • «Эмне эшитсеңиз барчасы ырас, күчтү көп алган элек, кемени суунун жогору (жагына) жүргүзө албагандыктан таштадык. Абасы жаман сасык экен. Ал себептен кишилерибиз кырылды» – дешти. Татар калкынын Чыңгыс ханга кандайча жакындыгын Чыңгыс хандын икаясында теңирим буюрса айта жатаарбыз.

Ойрот элинин баяны. Агып бара турган улуу сууну түркү тилинде сай дээр, жана тажик тилинде кичинесин – равада, улугун – равадгана дээр, араб вады дээр. Магул журтунун күн туушунда сегиз суу болор, аны сегиз муран дешер. Ошол суулардын араларында олтураар эле. Анын барчасы Аңгыра муранга кошулар, ал сегиз суунун аттары бу турур: Көк муран, Он муран, Кара усун (үйсүн), Сыбы кун, Акыры муран, Акар муран, Жыган муран, Журжа муран Чыңгыс хан заманында Ойроттун падишахы Кутука бек эле. Анын эки уулу бар эле, улугунун аты Ыналчы жана кичигинин аты Туранчы. Ал Чыңгыс хан менен жоо болгон эле, соңунда эл болду, кыз берип, кыз алышты. Ханга багынды, Тыргоот жана куры, төлөөс бу айтылган үч урук элдин да асили ойрот болор. Ар бири ойроттун бир уруту турур. Тыргооттун мааниси «ары жок» демек болор. Бу элдер Селеңгенин (Селенга) ары жүзүндө отураар эле. Ал үчүн тыргоот дешти.

Тумат элинин баяны. Тумат дагы ойроттун бир уругу турур. Бир кучы төгүм деген жерлерде олтурар эле. Кыргыз вилайатына жакын болоор. Чыңгыс хан заманында бегинин аты Татула Сакар деген эле. Ал келип Чыңгыс ханды көрүп багынды. Булганчын, Кермунчын бу эки урук карындаш болор. Булардын журтуна кыргыз жакын болор. Булар Чыңгыс ханга эл болор.

Төлөңгүүт, орасут, көстамай. Бу үч урук эл бир-бирине карындаш болор. Ыраакчылыгы жок, журту калың жыгач жана ормон ичинде болор. Барчасы уучу болор. Киш, суусар, арс, тыйын жана кундуз, суудан балык, кырдан кийик (дебей) жандуу нерсенин баарын уула шаар.

Найман элинин зикири. Бу каадим эл турур. Башы, малы көп болоор эле. Мурункуларын билбейбиз анча, биздин эшиткенибизде падишахлары бар эле Каркыш аттуу. Ал өлгөндөн соң уулу бар эле Абыят аттуу, аны падыша кылды. Чыңгыс хан заманындагы падышасын Сайаң хан дешти. Уулу бар эле Күчлүк аттуу, журту магул журтунда болор, Каракум деген (жерде), жана эгини болбос.

Керейит элинин баяны. Керейиттин мааниси Кара буран демек болор. Бу кишинин жети уулу бар эле. Жетөөсү тең кара, аларды бу калк керейиттер дээр эле. Ошондон туулгандарды керейиттер дешти. Каадим эл болоор. Башы, малы көп, падишахлары Ма ту (эле). Ал заманда керейиттен күчтүү эл жок эле. Журту найманга жакын эле. Ал себептен ар убак найман менен көп урушуп, көп жарашаар эле. Керейиттин бир улуг падишахи бар эле Маргуз аттуу, анын эки уулу бар эле. Аты Куржатур, лакап аты Бусурук, анын уулдары көп эле. Бир уулунун аты Тогрул эле. Кытай падишахлары Оң деп лакап (ат) коюшту. Оңдун (Ван) мааниси вилайат падишахы демек болор. Чыңгыс хан менен урушкан Керейит Оң хан эле.

Эңкү (оңгут) элинин баяны. Кытай калкы өз журтунун башына бир сепил тартып, эки узун деңизге тиреп (койгон) эле. Эч киши өтө албас да, буза албас эле. Кербен кирип чыкмак үчүн бир эки дарбаза коюп ага темирден дарбаза салышты. Андай сепилди араб сид дээр, түркү тор корук дээр. Кытай калкы үңкү дээр. Искендер да йажуж менен мажужтун алдына сид салды. Ануширван да сид кылды. Бу убактыда аны темир капка деп жүрүшөт, ошол сиддин эшиги турур. Кытай падишахлары түрк калкынан бир нече жамаагатка: «сиздерге (ар) жылда канча бир акы берейин, сиддин дарбазаларын сактагыла (кайтаргылаа)» деп суроо кылды. Ал түрктөр аны кабыл кылып (дарбазаны) сакташты. Уул, уул (дебей), кыз, кыз дебей ушул ишти кылышты. Ал жамаагатты оңгут дешти. Магул тилинде оңгут дегендин себеби кай себептен болор (дегенде) үргөнчтө «табакчы» жана «эшикчи» дегендей (кеп). Сидди сактаган кишилерди оңгут дешти. «Сидчи» дегени болор. Чыңгыз хан заманында төрт миң үйлүү эле. Бектеринин аты Алакуш деген эле. Чыңгыс хан Кытай үстүнө жүрөр болгондо Алакуш дегенге киши жиберди мага багынсын – деп, Чыңгыс ханга багынды. Андан соң Кытай үстүнө аттанып (чыкканда) Алакуш ханга каршы келип (тосуп чыгып) кошулду. Үңкүнүн дарбазаларын ачты. Чыңгыс хан менен кошулуп Кытай үстүнө барды.

Кытай элинин баяны. Кытай журту эки түрдүү болор. Бирисин кара кытай дээр. Кара кытайдан көп жамаат бир себеп болуп падишахлары менен жоо болушту дагы көчүп качышты, Кыргыз вилайатына келишти. Анда отурган элдер мусаапыр деп малдарына талоон кыла башташты. Анда да олтура алышпай Эдил деген жерге көчүп келишип шаар салышып отурукташты. Эгин эгишип абадан болушту. Ал жерде малынан айрылган, ачыккан, арыган, жутангандын барчасы бу шаарга жыйылышты. Ал жерде кырк миң үйлүү эл болушту. Ошол убактыда чүрчүт деген бир улуг журт болор (эле), анын падишахы кара кытайдын падишахы менен урушту дагы жеңип келди, журтун алды жана падишахын өлтүрдү. Анын улуг беги бар эле ошо тайпада. Ал көп нөкөрү жана эли менен качып кыргыз вилайатына келди, тарых беш жүз он үчүнчү жыл эле. Андан соң Эмел шаарында отурган кытайларга келди.

Акылман, даанышман киши эле. Бир эки жыл анда олтурган соң анын дарбазасы төрт жагына түштү (ачылды). Ал Афросиаб насилинен эле. Баласуган деген шаарда бир хан бар эле. Аты Илк Маарак деген киши эле. Ал шаарды магул Маакулбалык дээр. Маакулдун мааниси жакшы, жана балыктын мааниси шаар, жакшы шаар демек болор. Ал калаанын атарабында түрк калкы көп эле. Ар убак каңглы вилайатын талаар жана чабаар, эгинин бүлдүрөөр эле. Ал себептен Илк хан кытайдан келген бекке киши жиберди. Келсин, вилайат ага таандык деп. Ал келди дагы вилайат аныкы болду. Илкти өзүнө  нөкөр кылды. Өкүм кылды: Бу күндөн соң ар киши муну Илк дебесин Илк түркмөн дешсин деп. Андан соң өзүнө Көз хан деп лакап (ат) койду. Көздүн мааниси кытай тилинде улуг падыша демек болор. Андан соң барып Анжийанды алды. Андан аттанып Самаркандды чапты. Кабаттап, салык салды, ар жылда баланча нерсе бересиң деп. Андан соң кайтып үйүнө түштү. Бир улуг беги бар эле Арыз аттуу. Аны баш кылып Үргөнчкө жиберди. Үргөнч ханын олжо туткун кылып калаасын камап отурду. Үргөнчтүн падишахлары Хорезм шахтары  жамаатынан Асир деген эле. Ар жылда жыйырма миң ашрафи бермек болду. Арыз ага ыраазы болуп кайтты да ар жылда бергенин алып турду. Асир өлгөндөн соң уулу Скиф падыша болду. Ал да өлгөнчө берди. Ал өлгөндөн соң уулу Султан Махмуд падыша болду. Ал бербеди, жоо болду. Султан Санжар Касы Румдан берки вилайаттын лашкерин алып Түркстанга барып кара Кытай Көз хан менен урушту, бастырды, бүтүн лашкери кырылды. Өзү качып Мервке келди.

Тургак элинин баяны. Сөңгөгү маалым эмес кайсы түрктөн экени. Маанисн «сакчы» демек болор. Падишахлар өздөрүн сактоо (коргоо) үчүн бир нече кишини дайын кылаар эле. Алар эшигине келип (падыша) жатканда нөөмөт менен (күзөтүп) олтурушаар эле, нөөмөт менен укташаар эле. Отургандары табал же эки жыгачты кагышаар эле да душман келгенин, (же) сакчылардын ойгоо экенин билээр эле, уктабай олтурганы уктаганына айтаар эле: «менин нөөмөтүм болду, эми сен тургак» деп. Ал себептен падишахты сактаган кишилерди тургактар дешээр эле.

Магул элинин баяны. Эл хандын уулу Кыйат жана инисинин уулу Нөкүз, бу экөө Эргене Кон тоонун ичине киргенден соң уулдары көп болду. Кыйан уулдарын Кыйат дешти. Нөкүз уулдарын Дөрлүгүн дешти. Бара, бара ар жамаагат бирден элдин атын көтөрдү. Кыйат ысымы анда жоголду. Дөрлүгүн аты да жоголду. Кыйан насилинен курлас уругунан Алангу аттуу зайып эрсиз үч уул тууду. Теңирим буюрса бул сөздү бу жерде айтууну мунасыб көрдүк. Ал үч уулдун насили ажайып көп болду. Аларды Нир мырдан дешти, мааниси салыб пэк демек болор. Түркчөсү «аруу такым» демек болор. Ал Магулдун айтымында ал үч уул нурдан болду, анын үчүн атын ошондой коюшту деп жүрүшөт. Чыңгыс хандын үчүнчү атасы Кабул хандын алты уулу бар эле. Барчасы тууштуу жана баатыр, ылдам (эле). Калк бу жигиттерди кыяттар деди. Анткени тоодон аккан селди кыян дээр. Кыяндан кыят (аталган) анын жамааты турур, Кабул хандын уулдарынын улугу Бортан хан эле. Анын уулу Чыңгыс хандын атасы Эсегей баатыр эле. Эсегей баатырдын көзү шахла эле. Магул шахланы буржыгын дээр. Ал себептүү Эсегей баатырдын насили Буржыгын кыйатпыз дешти. Кыйат эли Кабул хандын уулдарынан соң дагы өсүп өндү. Барча түрктүн уругунун бирин койбой бүтмөк жана айтмак бир кишинин колунан келбес, өзүбүздүн алыбызга ылайык билишибизче өзгө түрктөрдүн уругун айттык. Эми магул насилинен болгон уруктарды айталык.

Меркит элинин баяны. Меркитти меркин деп да айтаар. Экөөсү бир. Чыңгыс хан заманында элге баш болуп жүргөн кишилеринин аты Токтобек эле. Бу эл ар убак Чыңгыс хан менен жоо болор эле. Бир ирет Чыңгыс хандын үйүн талап, катынын олжолоп алды, дагы бир ирет Чыңгыс хан талаада жүргөндө тутуп туткун кылып, кун баасын алып кайта беришти.

Коңурат элинин баяны. Кыйан насилинен бир киши бар эле. Анын үч уулу бар эле. Улугунун аты Жорулук мерген, экинчисинин аты Кабай шыра, Үчүнчүсү – Тосбодой. Жорулук Кабай шыра менен урушту. Экөө тең ат үстүндө эле. Жорулук жаасын алып огун кезеди. Кабай шыра ийилип аттын мойнун баана кылды. Бир заман тургандан соң башын көтөрдү. Жорулук инисин аяды дагы көңүлүндө айтты: «Муну коркута атайын, экинчи баш көтөрбөсүн» деди. Кулагында улуг сыргасы бар эле аны туштап атты, ок сырганын ичинен өтүп кетти. Жорулук мергендин бир уулу бар эле Коңурат аттуу. Барча Коңурат элинин насили ошондон турур.

Аңрас эли жана алгатут элинин баяны. Кабай шыранын эки уулу бар эле. Улугунун аты Аңрас жана кичигинин аты Алгатут. Эки урук ушу экөөнүн насили турур. Чыңгыс хандын анасынын аты Олон эле, аны Олон бийке дешээр эле, жана кээде Олон кучын дешээр эле. Алгатут уругунан эле.

Каратут элинин баяны. Тосбодойдун эки уулу бар эле. Улугунун аты Каратут. Барча Каратут элинин насили (андан) турур.

Курлас эли жана элжэк элинин баяны, … Экинчи уулу Коңкаут, (Коңгайты) анын бир уулу бар эле. Мыратай аттуу (Муратай?), анын эки уулу бар эле, улугунун аты Курлас эле, Курлас уругу анын насили турур.

Ормат элинин баяны. Бул убактыда аны Оймат деп жүрүшөт. Барча Ормат уругу бу кишинин насили турур.

Коңкамар элинин баяны. Ормаут уругунан бир киши бар эле. Анын үч уулу бар эле. Улугунун аты маалым эмес, жигит болгондон соң калк Коңкамар деп ат койду. Коңк (тун) мааниси улуг демек болоор. Эл бу убактыда да улуг карганы Конк карга дээр. Камардын мааниси мурун демек болор. Ошол (уулунун) муруну улуг эле, ал үчүн Конкамар (чоң мурун) деп лакаб ат калды. Барча конкамар уругу бу кишинин насили турур. Бу убактыда камар уулубуз деп айтышаар. Меңгилик айчеке конкамар уругунан эле. Меңгилик атасы койгон аты турур, магул атаны айчеке дээр. Түрк калкы азиз кишилерди ата дээр. Мисалы Аким ата, Сейит ата (дегендей) Меңгилик магулдун азис кишиси эле. Анын үчүн айчеке дешээр эле. Чыңгыс хандын атасы өлгөндөн соң анасы Меңгилик айчекеге барды. Керейит падишахы Оң хан Меңгилик айчекеге киши жиберди. Мен тыштан, сен ичкериден болуп Чыңгыс ханды жок кылалы, калган эли менен малынын жарымы сеники, жарымы меники болсун деди. Ал оң хан Чыңгыс хандын атасы менен дос эле. Чыңгыс хан (анын) душмандыгын эч билбес эле. Чыңгыс ханга киши жиберди: улуг уулу Жоочуга кызымды берейин, өзү биздин үйгө келсин, экөөбүздүн муратыбыз да, максатыбыз да (бир) турур, той кылалы жана да бир нече күн айш-ашратка машкүл бололу (деп). Чыңгыс хан бул сөзгө ынанып хандын үйүнө келди. Жолдо Меңгилик айчеке учурады да (ага) Оң хандан эшиткен сөзүн түгөл айтты. Ханды өлүмдөн куткарды. Меңгилик айчеке Чыңгыс хандын кызматынан эч айрылбас (куру калбас) эле. Чыңгыс хандын апасын алганда Чыңгыс хан он үч жашта эле. Ар убактыда айрылбай хандын оң тарабында барчадан жогору отурар эле. Мурунку катынынан үч уулу бар эле. Улугунун аты Көкчө, калк аны Теңирбети дээр эле. Чыңгыс хан тактына отурган дастанында Көкчөнүн не киши экенин айта жатаарбыз.

Арлат элинин баяны. Экинчи уулу Арлат (Аруулат).

Арлат аталышынын себеби ал (ата-энесине күйүмдүү эле). Барча Арлат эли анын насили турур.

Килкит элинин баяны. Үчүнчү уулу Килкит. Кишинин тилинде кемтиги болсо аны түрк калкы бүлтэк (бөлтөк) дешер. Магул килки (кирки) дээр. Ал кишинин тилинин кемтиги бар эле. Ал үчүн Килкит дешти. Барча килкит эли ал кишинин насил турур. Жогоруда да айттык магулдун тилинде «тайаны» нусбат маанисине келер (деп). Бу сөздүн маанисин жакшы-жаман (дебей) билер, жана да лугат айталы: аттуу, тондуу, бай нусбаттуу дегени ошондон болор.

Йады жана кышлык элинин баяны. Килкит уругунан бир кишинин эки уулу бар эле. Улугунун аты Бадай жана кичигинин аты Кышлык. Бу экөөсү керейит Оң хандын бир бегинин жылкысын багар эле. Бир күнү жылкыдан сүт келтирип (саап келип) үйдүн эшигине келди. Келсе ичкериде бектер сүйлөшүп турушат. Не айтаар экен деп кулак салып турду да (айткандарын укту). Катынына айтты: – Сүттү жана куякты чыгарып кой (деп). Оң хан аттанып барып Чыңгыс ханды үйүндө (жатканда) басты. Эки хандын үйлөрү жакын эле. Оң хан, Чыңгыс хан уулу болуп (жай) баракат отурушкан эле. Бадай ичкери кирип сүттү берди. Жылкыга келип (укканын) айаштарына айтты. Булар магул эле. Чыңгыс хан да магул эле. Өз падишахларынын овладына таб келтире билбей башка жат керейит калкынын ичинде жүрүшкөн эле. Ал Чыңгыс ханга келип айтты. Мунун икаяты узук дастан турур. Бул себеп болуп Чыңгыс хан өлүмдөн кутулду. Бу экөөсүн даркан кылды.

Даркан мааниси бу турур. Ал кишиден эч нерсе албайт, качан хан эшигине келсе эч киши (жолун) тоспойт. Өзү кирээр, өзү чыгаар. Агер күнөө иш кылса тогузга че сурабас (күнөөлөбөс), андан соң сураар. Тогуз арка болгончо (тогуз муун өткөнчө), андан соң сураар. Тогуз арка болгончо (тогуз муун өткөнчө) ошондой болгон.

Нышан үйшүн элинин баяны. Булардын сөңгөгү магул турур.

Салдус элинин баяны. Бул элдин да сөңгөгү магул турур.

Йелдиркүн элинин баяны. Йелдиркүн Салдус элинен айрылган.

Килиб элинин баяны. Булар да магулдун бир уругу турур.

Дөрбөн элинин баяны. Магулдун Бычын Кыйан аттуу бир падишахынын беш уулу бар эле. Кичиги барчасынан жакшыраак эле. Атасы өлөөрүндө кичик уулун төрө кылгыла деп осуят кылды. Кылды да кичик уулун төрөлүккө ылайык билип хан көтөрдү. Анын аты Качы Мерген эле. Төрт улугу калкына көп (жолу) айтышты: – биз төртөөбүздүн кимибизди болсун төрө кылыңыз, ыраазыбыз, тек кичүүбүзгө ыраазы эмеспиз, – деп. Калк ал төртөөнүн сөзүн кабыл кылбады. Ал үчүн журтунан ооп кетип жат элдин ичине барып олтурушту. Магул төрөсүн Дорбун дээр. Жат эл жигиттерге дорбундар деп ат койду. Ал төртөө өлдү, уулдары кайтып туугандарынын ичине келди.

Тэкин жана сукат элинин баяны. Бир дорбундун үч уулу бар эле. Улугунун аты Баарын, барча баарын эли анын насили турур. Кичик иниси кедхуда болду, зайыбы уул таппады. Ал үчүн үйдө жүргөн күңдү жактырды. Күң бооз болду. Катыны күңдү ар күндө карынга ураар эле (боюңдан) түшүр деп, түшпөдү. Бир кечте акшамда күң уул тууду, атасынын бостонунун этегинен кесип алды да уулду чырмап (ороп) үйдүн тушунда жылгын ичине ыйлатып койду. Эртеде атасы даарат сындырганы барды. Байкаса уул абазы келет. Барып көрдү, өзүнүн бостонун тааныды. Андан соң өз уулу экенин билди дагы көтөрүп апасынын кашына алып келди. Апасы сактады (бакты), уулга Сукайыт (деп) ат коюшту. Магул жылгынды сукай дээр, жылгын демек болор.

Күрлөйүт, баргут уругу. Бу экөөсү тең магул турур. Магул ичиндеги тууганчылыгы Коңуратка жакын болор. Каадым журту да коңурат менен бир болор.

Үклан элинин баяны. Асили магул болор, ал магулдун кайсы уругуна жакын экени маалым эмес. Жобрат, Хажрат (Чобурат, Качырат) деп да айтылаар. Бу элдин сөңгөгү магул болор, магул ичинде Алаңгу насилинен турур.

Байаут элинин баяны. Бу эл көп урук болор. Бирок, мыктысы да көбүрөгү да эки урук болор. Бирин жийдели байаут, жана бирин мекрин байаут дээр. Жийдели жана Мекрин (деген) ага турган эки улуг суу болор. Ал суулардын жагасында олтурушаар эле. Ал үчүн ушул ат калды. Журттары Ойрот журтуна жакын болор. Байаут эли магулдун дөрлүгүн уругунан айрылар.

Жалайыр элинин баяны. Каадим эл турур. Жеринен көп болоор эле. Мындай айтышат: бир керейит кытай падишахы менен жоо болгондо ар жерде отурган жалайырдын жакшы, жаманы дебей барчасы үйлөрү менен бир жерге жыйылышты. Жетимиш күн отурушту. Уруктары көп эле. Бир нече уругу бир кишини ага кылып бир журтта отурушар эле. Көбүрөөгү магул журтунун Ман деген жеринде олтурушаар эле. Бир ирет Кытайдан көп лашкер келип жалайыр калкынын бир жерде отурган көп жамаатын кырып, олжо туткун кылып алып кетти. Чабылган элдин ачы менен арыгы жемекке эч нерсеси жоктуктан талаа пиязынын түбүн казып жешээр болду. Чыңгыс хандын  жетинчи атасы Дутумын хан өлгөн эле. Хандын тогуз уулу калды. Барча уулдарынын анасынын аты Мутулун улуг уулу Кайду ханга кыз алды. Ал калың алып алдына кеткен эле. Үйдүн жанында бир жакшы жер бар эле. Хандын уулдары анда ат чаап ойношоор эле. Ал жердин пиязы көп эле. Ачлар (адамдар) ал жерди ушундай бир казышты дейсиң, ат жүрө албастай болду. Аны көрүп уулдары келип анасына айтышты. Анасы ачууланып аттанып барды да көрдү. Бир нечелери жана казып отурушкан экен, кулдарына  буюрду: ургула деп. Алар урушту. Жалайырлар жыйылып ошол жерде улуу уруш болду. Шол заман бир нече киши мындан өлдү, чабылган жалайырлардан өлдү. Мутулундун үйүн чабышты. Дутумын хандын жети уулун баш (кылып) колдоруна түшкөн кишинин баарын кырышты. Ачтан өлүп жүргөн ач (эл) бу талоон менен тоюнушту. Муну эшиткенден соң (Кайдуу хан) кайын атасынын үйүнөн жалайыр калкына киши жиберди: ушундай иш болуп калды, не айтасыз деп. Жалайырдын жакшылары бу ишти кылган кишилерди санашты, беш киши чыкты. Барчасын үйү, катыны, балдары менен сүрүп Кайдуу хан алдына алып келишти дагы айтышты: не кылсаң өзүң билесиң (дешти). Кайдуу хан туугандары жана элине кеңешти. Кеңешсе каны барабар эмес бандэ кыл, уулун уул дебей, кызын кыз дебей бандэ болсун (дешти). Барчасы бул сөздү окшотуп (макул таап) бандэ кылды. Ал жамаагат көп болду. «Жалайыр туумабыз, магул кыйан уулубуз» деп айтышаар (болду). Кожосунун уругун айтмак (абалтан) азат кулдун ырасымы турур. Чыңгыс хан улук падыша болгондон соң жалайырдын барчасы ага кул эле. Мурункуларын туурап магул кыйан уулдарынанбыз дешти. Ал барчалары он бир арка өткөнчө, Чыңгыс хандын төртүнчү уулу же небересинин небересине чейин кызмат кылды. Бөлүнүшө, бөлүнүшө бир падыша-заданын эшигинде он үйлүү жана жыйырма үйлүү болор эле. Эң асили сөңгөгү магулдун дөрлүгүн уругунан болор.

Магул падишахларынын баяны. Кыйан менен Нөкүстүн овлады Эргене Кон ичинде жүргөндө ар жамаагат бир урук атын көтөрдү. Кыйан насилинен курлас элинен бир киши бар эле. Анын насили барча уруктан көп болду. Аны Курлас эли дешти. Ошол курлас элинен бир кишини падыша көтөрүштү. Аты маалым эмес. Ар убак ошол курластан төрө кылышты. Калк Эргене Кондон чыкканда падышаларынын аты Борточоно (эле). Ал өлгөн соң тапкан анын Косыдал аттуу уулу бар эле, ошону падыша кылышты, ал опаат тапкандан соң Быжын Кыйан аттуу уулу бар эле, аны падыша кылышты. Ал оопаат соң Тумак аттуу уулу бар эле, аны падыша кылышты. Ал өлгөндөн соң Кычы мерген аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөн соң анын Кожомбура аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөн соң Бөкөбандун аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөндөн соң Самсуучу аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөндөн соң Калмачу аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөн соң анын Темирташ аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөн соң анын уулу Меңгли Кожо аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Ал өлгөн соң Жылдыз аттуу уулу бар эле, аны хан көтөрүштү. Жылдыздын эки уулу бар эле. Экөө тең өзү тирүү кезинде өлдү. Бир уулунан бир уул калды Дайын Баян аттуу, жана бирөөнөн бир кыз калды Алаңгу аттуу, Алаңгуну улуу той кылышып Дайын Баянга алып беришти. Андан соң Жылдыз хан өлдү. Небереси Дайын Баян ата тактына отуруп магул элине падыша болду. Буйруктуу иш (экен) отуз жашына жетпей опаат тапты. Эки уулу жаш калды. Бири алты, бири жети жашта эле. Улугунун аты Билгетай, кичигинин аты Бикчетай, кээ насыйкатта Билгени, Бөгөнөт деп да жүрүшөт.

Алаңгунун ажайып керемет икаясы. Алаңгунун кедхудасы Дайын Баян өлгөн соң, улуг атасы Жылдыз хандан жана ага-инилеринен (калган) уулдар бар эле, эли да, төрөлөрү, падишахлары да барчасы тең Алаңгуну (мага) тий деп өз өзүнчө айттырышты. Барбады. «Эримдин жаны тирик, эрге барбаймын, уулдарым жигит болгончо өзүм элге баш болуп турамын, андан соң уулдарыма тапшырамын» деди. (Ошентип) кабыл кылбады. Мындан бир нече жыл өттү. Бир түнү уктап жаткан эле.

Таңзаарда ойгонду. Түндүктөн бир жарык нерсе келип кирди. Күндөй көрүнгөн жарыктын ичинен бир киши шекилдүү ак сары, көздөрү шахла (элес) келип үйүнүн ичине түштү. Алаңгу жанында жаткан зайыптарды тургузмак үчүн кыйкырайык деди. Авазы чыкпады, тили буулду. Турайын деди кол аягынын жаны кетти. Акылы да талды. Ал киши жылып-жылып жанына келди дагы жат болду, түндүктөн чыгып кетти. Бу сөздү айтсам эч киши ынанбас деп айтпады. Күндө бир (маал) келип турду. Алаңгу кош бойлуу болду. Төрт-беш айлык болгон соң туугандары жыйылып бойго болгонунун окуясын сүрүштү. Алаңгу көргөнүн айтты. Дагы айтты: – Мага эркек керек болсо мурда эле барбас белем, дагы айтарым өзүм жесир болсом, көп калк мени падыша кылып турса, өзүмдү, мынча элимди жана калкымды, дагы эки уулумду шерменде кылып мындай наамакул ишти кылармынбы. Бир нече түн үйүмдүн кашында кайтарып жаткыла, кудай таала мени шерменде кылбайм десе силерге да (бир сыр) көрсөтөөр. Дагы айтаарым, агер менин бу кардымдагы уул туулса да албетте расымы кишиге окшобос, андан да билээрсиз. Кудай тааланын бир буйругу бардык менин бу кош бойлуу болгонума.

Бу сөздү эшиткен соң, барча калк ынанды, анткени Алаңгунун мүнөзүн билишер эле. Ошондой болсо да көп калк күндө үйдүн ар тарабын кайтарып жатышты көөмөт менен ойгоо отурушту. Бир нече күндөн соң таң заарда түндүктөн үйдүн ичине аптаптай жарык берген бир нерсе асмандан пайда болду. Аны көргөн киши жанында жаткандардын барчасын тургузду. Ал жарык келип Алаңгунун түндүгүнөн үйдүн ичине кирди. Бир замандан соң кайтып чыгып кеткенин жаткан калктын барчасы көрдү. Келгенин да, кайтканын да көрүштү. Бирок, (аны) киши сүрөтүнө окшото алышпады. Мындан соң Алаңгунун сөзүнүн чындыгы барчага маалым болду.

Алаңгунун уулдарынын баяны. Алаңгу үч уул тапты. Улугунун аты Бугун Катаган, Барча Катаган эли анын насилинен турур. Экинчисинин аты Бусак Жалчы. Жалжут эли анын насили туру. Үчүнчү уулунун аты Буданчар (Бууданчаар?). Аны хан көтөрүштү. Чыңгыс жана магулдун көп уруктары анын насили турур. Бу үч уулдан болгон элдердин баарын Арбун бурун дешти. Анын мааниси «аруу такын» демек болор. Магулдун «загым нурдан болду» дегенинин себеби ошол. Буданчардын эки уулу бар эле. Улугунун аты Токо, кичигинин аты Томо, мындан насил калганы маалым эмес. Буданчар өлгөндөн соң Токону хан көтөрүштү, Токонун бир уулу бар эле Дутумын аттуу. Атасы өлгөн соң Дутумын ханды хан көтөрүштү. Дутумындын тогуз уулу бар эле сегизин Жалайыр калкы өлтүрдү. Анын икаятын жогоруда Жалайыр элинин баянында айттык. Улуг уулунун аты Кайду эле. Ал кыз алганда аман калды. Дутумын хан өлгөн соң уулу Кайду ханды хан көтөрүштү. Кайдуунун үч уулу бар эле. Улугунун аты Байшумкар, экинчи уулунун аты Хармаланкум, йабжут эли анын насили турур. Хармаланкумдун уулунун аты – Муркуд кучана. Анын уулу Мамаңкай хан, анын уулу Кудан тайши. Кудан аты турур, тайшы кытай тили турур. «Хафиз» же «жакшы» дегени болор. Анын уулу Арал, анын уулу Баргунай, ылакап ысмы Кырылдак. Түркү тилинде оозуна аш тийгенде тамагына турган кишини кырылдак (дейт). «Көп жеп ийди дагы тамагына турду» дегени болор, Иабжут элине баш болуп Чыңгыс хан менен көп урушкан ушул Баргунан кырылдак эле. Үчүнчү уулунун аты Жаачан Сажут, эркин элинин насили турур. Кайду хан өлгөндөн соң уулу Хармаланкум өгөй энесин алды. Андан эки уулу болду. Улугунун аты Кендучоно, кичисинин аты Үлгичин чоно. Эркек бөрү жана ургаачы бөрү демек болор. Анын уулдары көп болгондуктан чонон дешти. Ал чонондун жамаатын бара-бара нөкүз деп да айтышты. (Бу) нөкүз мурунку айткан нөкүздөн башка турур. Мурунку нөкүздүн аты эл ичинде жок болуп кеткен эле. Улуг уулу Байшумкарды хан кылышты. Акылдуу жана адил жакшы падыша эле. Көп жерлерди өзүнө багындырды. Доско жакшылык, душманга жамандык кылып бир нече жыл падышалык кылгандан соң уулу Түмөндү өз ордуна отургузуп узак сапарга кетти.

Түмөн хандын баяны. Түмөн хан жакшы, улуг падыша эле. Магулдун барча мурунку уруктарына көп жылдар падышалык кылды. Эл анын заманында дөөлөттүү, жана сүйүнүчтүү болду. Тогуз уулу бар эле. Бир уулунан бир урук, да бир уулунан эки-үч, же төрт урук тарап чыкты. Бу тогуз (уулдун) арасында Кабыл менен Качулу аттуу эки уулу эгиз туулган эле. (Түмөн хандын) улук уулунун аты Жаксу, анын үч уулу бар эле. Улуу уулунун аты Букакын (Ботокан?), экинчи уулунун аты Орот, үчүнчү уулунун аты Манкыт. Бу үчөөнүн уулдары үч урук эл болду. Түмөн хандын экинчи уулунун аты Жарымшыр Туманчы. Андан болгондор бир урук эл болду. Үчүнчү уулунун аты Мажулу, анын уулунун аты Эгинчи Барлас эле. Барча барлас эли мунун касили эле. Аксак Темир ушу уруктан эле. Барластын мааниси соксалар демек болор. Түркчөсү черик баштап жүрө турган киши демек болор. Төртүнчү уулунун аты Самгачун, бедиркүн уругу анын насили турур. Алтынчы уулунун аты Кабыл хан. Чыңгыс хан дагы башка элдер бу Кабыл хандын уулдарынан таралган. Теңирим буюрса алардын барчасын ыктуу жеринде айтарбыз. Жетинчисинин аты Удур байан, күйүм уругу анын насили турур. Сегизинчи уулунун аты Болчур Дуглан. Магул аксакты дуглан дээр. (Анын) аягы аксак эле, барча Дуулат уругу анын насили турур. Тогузунчу уулунун аты Жанай. Барча сот уругу анын насили турур, – барчасынын кенжеси эле. Кенжени магул отчигин (от жээги) дээр. Отчигиндин мааниси от эгеси демек болоор. Анын себеби өзгө уулдарын үйлөндүрүп узата-узата үй эң кенжесине калар дагы атасынын очогунун ээси болор. Кенже уул магулдун ырасымында (ушундай сыйга ээ). Барча уулдарынан туулган уулдар баатыр, тууштуу болду.

Чыңгыс хан Маверенахрга келгенде Чана ноён дегенди отуз миң киши берип Султан Мухаммед Хорезм шахка жиберди. Ал Султан Мухаммед Хорезм шахтын уул очогун (кыйратып) жана казынасын талап барча Иран жана Өзү (?) Азарбажан Ширван жана Күржүстанды (алып), темир капкадан өтүп, Тагстан жана Черкес жана Кыпчакты кырып, Эдил, Жайык суудан өтүп төрт жылда Чыңгыс хан кайтканда Ала Тагда кениден (соңунан) келди. Чана ноёндун насили сот уругунан эле.

Түмөн хан өлгөндөн соң уулу Кабылды хан кылышты. Анын алты уулу бар эле. Улугунун аты Үкүн баргак, экинчи Бардан бахадур, үчүнчүсү Кутукту Менгү, төртүнчү Казан бахадур, бешинчи Кунлаган, алтынчы Будан кыят. Кыяттын маанисин жогоруда айттык (эле) мында да айталы. Тоодон чыккан селди магул кыян дээр. Кыят анын жамааты турур. Кыяттын асили мааниси: «күчтүү, ылдам» демек болор. Тоодон аккан сел ылдам, күчтүү болор, анын үчүн ушул атты коюшту. Эргене Кон ичиндеги Кыян уулдарын кыят дешти. Көп жылдар өткөндөн соң ар жамагат бир эл атын көтөрдү, бири мен конуратмын деди. (Ошентип) Кыят аты эл ичинде эч калбады, үч-төрт миң жыл ичинде жок болду, житти. Аягы Кабыл хан болду. Мунун алты уулу бар эле. Алтысы тең баатыр, балбан жана шамдагай эле. Анын үчүн аларды кыяттар дешти. Кыят эли алардын насили турур. Кабыл хан өлгөндө, уулу Бартан ханды хан көтөрүштү. Анын төрт уулу бар эле, улугунун аты Муңдай, экинчисинин аты Бөкөн тайши, үчүнчүсү Эсегей бахадур, төртүнчүсү Дарсүки болай. Андан таралган уулдарды да кыят дешти. Бартан хан өлгөндөн соң уулу Эсегей баатырды хан көтөрүштү. Эсегей баатырдын беш уулу бар эле. Улугу Чыңгыс хан, атасы койгон аты Темирчың эле. Хан көтөргөндө Чыңгыс деп ат коюшту. Экинчиси Жуучу кысар. Жуучунун мааниси мейман, кысардын мааниси жырткыч, араб аны саба, тажик дад дээр. Төрт аяктуу жаныбардын этинен өзгө нерсе жебес (дегени). Мисалы, бөрү, жолборс жана кабылан. Үчүнчү Качун, төртүнчү Темирки, бешинчи Билгитай от жээги. Эсегейдин беш уулунун насилинин көбү ак сары, көздөрү ачкыл болду. Магул ачкылды буржыгын дээр, ал үчүн Эсегей баатырдын насилин буржыгын кыят дешти. (Бая) Алаңгу айткан. Мага келип оролгон кишинин ыраңы ак сары, көздөрү буржыгын дегендин жышааны тогуз ата өткөндө маалым болду. Бу сөз дагы да маалым болсун: кишинин көзүнүн карачыгы кара болсо, агы ак болсо, анын арасындагы карасы кызыл болсо араб аны шахла дээр. Магул буржыган дээр.  Буржыган кыят дешине ушу себеп.

Которгон Ч. Өмүралиев.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Көөнөрбөс мурас

Чыңгыс хандын улуу уулу Жоочу насили тукумунан тарап чыккан канзаадалардын бири Араб Мухаммед хан уулу Абулгазы бахадур хан эле. Бирок ал тарыхка улуу өкүмдардын бүтүн көчмөн дүйнөнүн башын кармаган каарлуу чеңгээл, катуу баш, жалын жүрөк көп уулдарынын бири катары эмес, иралды калк санжырасын сайрап кагаз саймалаган сарытаман жорго санжырачы катары кирди.

Борбор, Орто Азия тарыхына кайрылган кандай гана тарыхчы болбосун бир да бири кыйгап өтө албай турган саналуу авторлор бар. Ошонун бири ушул Абулгазы. Ал өз өмүрүндө эки китеп жазган. Бири – «Шежире и Таракима» («Түркмөн санжырасы»), экинчиси – «Шежире и түрк» («Түрк санжырасы»).

Соңку санжырасын жазып үлгүрбөй калып, аны аягына чыгар деп уулу Ануша Мухаммед ханга аталык керээзин калтырган экен. Ата сөзү моюнга карыз уул ошо кездеги Үргөнч молдосунун Махмуд бий Молла Мухаммед Заман Үргөнчи деген билимдар уулун кашына алып, үзүлгөн тарыхтын учугун улатып бүткөрө жаздырыптыр. Ошондон тартып колмо кол көчүрүлүп, ооздон-оозго ооп, түрк урууларынын кайсынысынын болсун журтун кыдырып, жумулдуруктай баштан сызылып чыккан накыл ой жумурай журттун баарына тарап, оозеки айтылып келген кебине ширелишип, бир чулу көркөм наркка айла ныптыр.

«Түрк санжырасы» Европанын аалимдер чөйрөсүнө тунгуч ирет 1726-жылдан тарта белгилүү болот. Орусшвед урушунда туткунга түшүп Шиберге айдалган швед офицери Таберт-Фон Страленберг Төбөл (Тобольск) аймагынан санжыранын бир нускасын таап оболу орус (немис тилине деген да ачакей ой бар) тилине которуп, андан фараң тилине оодарылып ошол эле 1726-жылы Лейден шаарында жарык көрөт. Ошондон соң гана Абулгазы тарыхы удаа бастырылып, бүт чыгышпоздордун бүйрүн кызытып илимий ийге алынып келет.

Абулгазы өзү ким? Жана айтылгандай Чыңгыс хандын насилинен таралган бир уул, Хиванын ханы. Ижаараттын 1012-жылында, так айтканда коён жылдын бугу айынын жума күнүндө (Ийса пайгамбардын жыл эсебинде 1603жыл, 12-август) бу жарыкка келген. 1674-жылдын коён жылында жалган куран айында ажалдын үндөөчүсү ага да келип дүйнө салган. Атасы Араб Мухаммед хандын Исфандияр, Хабаш, Элбарс, Абулгазы, Шериф Мухаммед, Хорезм шах жана Ооган деген жети уулу болуптур. Теги найман кызы байбиче катындан Хабаш менен Элбарс, калганы Чыңгыс хан тукумунан чыккан токол катындан экен. Муну атайын бөлө айтканыбыздын жөнү о кийин Абулгазынын ооматы башынан ооп, байтактысын калтырып чет жерге качып бозгонуна, Эрен журтунда ак үйлүү аманат туруп, эчен бир жылнаама китептерди эңшере окуп билим күткөнүнө, канча бир кансанат китептерди казып көзү каныкканына, ошентип өз тегин жазууга улуу кумар-куштарлыгы ойгонушуна бирден бир себеп – дал ошол агайын арасындагы чыр-чатактардын ырбашы болуптур. Үзү, Хива хандыгы, XVII кылымда ич ара феодалдык согуштун тыткынында калган. Үзбек уруулары бир тарап, түркмөн уруулары экинчи тарап болуп кандуу кагылыштар жүрүп турган. Хандыктын башын кошууда жалпы бир туугандар абалы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымактуу турушса да кийин соң ич ара бүлүнүп, улуу катындан таралган уулдар Хабаш, Элбарс ичтен жоо чыгып, атасын баш кылып, калган уулдарын каш кылып кас туткан экен. Бир курдай атасы Араб Мухаммед хандын ордодо жогунан пайдаланып, Хабаш Султан Хивага кирип, атасынын отуз жылы терген-жыйган казынасын талап-тоноп өз ордосу Үргөнчкө кайтып кетиптир. Атасы өзү тарап уулдарын кашына алып, Хабаштын соңунан куугун салып, акыры ата безери араңдан зорго жанын ала качып кутулуптур. Ошондо Абулгазы көңүлгө буккан бир оюн атасына айткан экен. – Хабаш менен Элбарстын көзүн тазалайлы дептир. Исфандиярдын бир оозу бош нөкөрүнөн кеп чыгып, ал акыры барып Хабаштын өзүнө жетет. Ошондон Хабаштын ичинде жанбас кек калып, «Абулгазы» деген атты укканда колунан аягы ыргый турган болот. Абалы Абулгазынын айтканын көңүлдөн сырт калтырган Араб Мухаммед хан кийин «аттиң» деп өкүнүп койгон экен. Ажалы тартса айла канча, өксүгөндөн не опо?! Ошондон көп өтпөй Таш Жарган (Ташлы Йармыш) деген кудуктун боюнда кылкылдаган көп черик бет келишип, ата-бала ачыкка чыгып тик багып кыл чайнап кырчылдашкан дейт. Жан кечти ыйман учту салгылашта атасы жеңилип колго түшүп, таламын талашкан уулдары туш-тушка чилдей тарап жан алакчылап, жеңген уул жеңилген атанын ыза-муңга тунган кош чечекейин ойдуртуп салыптыр. Мына ошондон соң гана кыбаасы канып, жаңы хан ысымына салават айтылып дүңгүрөгөн кошуун Хиванын капкасына кирген экен. Ошондон тартып Абулгазынын тентимиш жашоосу башталат. Ырас, кийинчерээк Иран шахы Аббас биринчиден жана калың түркмөн журтунан колдоо тапкан агасы Исфандияр кайтып Хивага оролот. Ажалдын келме кезеги ата кусур урган Хабаш султанга да жетип, Исфандияр атасынын тагын кайырат. Ар жерде тентиген Абулгазы ал кабарды эшитип эңсеген Хивасына келет. Исфандияр ага Үргөнч шаарынын эки тизгин бир чылбырын берет. Жабырда жүрүп жаңы табышкан туугандардын таттуу ынтымагы узакка созула бербеди. Буга себеп Исфандиярдын канаты алдына ыккан түркмөн жамааты менен Абулгазы ээлигиндеги өзбек урууларынын эчактан берки ырксыз мамилеси болду. Бул мамиле Үргөнч менен Хива арасына кайрадан жик салып жатындаш туугандарды жана айрыды. 1627-жылы Абулгазынын колу талкаланып, абалы кыргыз, казак ханы Эр Эшимди, анан катагандын кан Турсунун жамынып эки жыл өмүр кечирди. Соңунда Букардын ханы Имамкулунун канаты алдынан сыйынт тапты. Кийинчерээк эки бир тууган жана бир жарашты. Ордо «оюну» бүтпөй кайра араздашты. Акыры Исфандияр бир боорун ажалга кыюуга алсыздык кылдыбы, Иран шахына ак үйлүү аманат жиберип жаны тынды.

Эл жеринен эрксиз четтеген Абулгазы Исфагандагы Таберик деп аталган чепке келип жайланышты, ал жерде туптуура он жыл өмүр кечирди. Он жыл! Бул кезде Абулгазы өз башынан канча бир оомал-төкмөл күн кечиргенине карабастан, өктөөсү өз күнүндө өчкөн, өмүр кызыгы эми башталган, акылы толуп, ак караны таасын жиктеп, ак болоттой курчуп турган жылдыздуу жыйырма тогуз жашында эле. Дал ушул «бактылуу аргасыздык» ордо чатагынан тыш бейпил күндөр аны эзелки жылнаамалардын тереңине үңүлүүгө эми мүмкүндүк түзгөн шекилди.

«Түрк санжырасынын» экинчи бабында Абулгазы өзү Рашид ад диндин «Жамаагат тарыхын» жана Шараф ал дин Йаздинин «Зафар намесин» окугандыгын учкай эскерген жайы бар. Сыйкы, күнү кечээ эле күү-шаа түшкөн күрдөөл өмүр, башына конгон бак кушу, колунан тайбас көрүнгөн дөөлөтү бүгүн сыртын салып кудак жапырып, тогуз кыр аржагынан тозоңун сапырып минтип тозооку күнгө таштап баратканы аны бул саразгырык куу шыйрак өмүрдүн тээ Адамзамандан берки айдыңга салган буйтаң изине кайра бир сарасап салууга, түпкүрүн түрө ой жүгүртүүгө бир ыңгай түзүп берген өңдүү. Качанкы өткөн өзүндөй канча бир канзаада, бекзаадалардын өксүк чалган тагдыр-таржымалына ортоктошуп, сыны адамдан башка не бир сырттандардын да акыры бу бейбапа турмушка түркүк болуп кала албай түбүнөн омкорулуп кулаганын ойлой отуруп жүрөк өртүн акыл сабырга бастырса керек го акыры… Кылым карытып соңкута калар санжыра намасынын да байтүбү дал ошол чактары түптөлсө кер ектир. …Ат сагынбас жер болбойт, эл сагынбас эр болбойт. Туура он жылдан соң, Ийса эсебинде 1639-жылы, эми биротоло жашоо жайына, өмүр көйүнө кечилдей көнүп болду го деген Абулгазы – кантсе да кан тукуму, камалган чебинен бир күнү шек билдирбей жылып чыгып Атажуртуна аяк баскан экен. Көп өтпөй хан Исфандияр дүйнөдөн өттү. Так мураскору Абулгазы ата тагына минип кайрадан Хивага хан болду. Үч чоң өнөрдү – аскер ишин, мыйзам тартибин жана сөз кудуретин өнө боюнда айкаш алып жүргөн телегейи тегиз эр эми кырк таягын өмүрүн ээрге таңып, ата мурасын ат үстүндө түгөлдөп өмүр кечирди.

Акыры санаасы биралдын жайланган соң 1663-жылы уулу Ануш Мухаммедди такка отургузуп, өзү пайгамбар жолуна түштү. Баягыда көңүлдүн бир бучкагында тымызын кысылып кала берген бир күч эми көбүрүп-жабырып сезимине жай бербеди. Алдына жайдамаздай ак кагаз жайып, колуна куш канат калем карматты…

«Түркмөн санжырасы» Кеңеш заманында 1957-жылы Москвадан жарык көрдү. Түп нускасы араб ариби менен орусча оодармасы барабар берилип жакшы чыкты. Ал эми «Түрк санжырасынын» тагдыры андай түшпөдү. Бая айтылгандай, төңкөрүшкө чейин Орусияда бир нече ирет кайталанып басылса да кийин да жолу жарык көрбөдү. Бүгүнкү күндө элибиз эртеги, кечеги тарыхына үңүлүп үйрөнүп жаткан чактары эне тилибизде жазылган эскирбес мурас «Түрк санжырасын» калкыбызга кайтарып келүүнүн эби бар. Эмне дегенде «Түрк санжырасынын» тили биздин элге өтө түшүнүктүү, таза түркү тилинде жазылган. Арабизм, парсизм дегендер дээрлик жокко эсе. Абулгазы өзү да жазып жатканда жалпы түрк жамаатына бирдей түшүнүктүү болсо, тегиз таралса деген ниетти аркалаган өңдүү. Санжырасынын бир жеринде минтип да айтат: «Бу тарыхны йахшы ва йаман дебей түркү тили бирлан айттым, Түркини хам андаг айтыпмын ки (м), бей йашар оглан түшүнүүр, ва бир келме чагатай ва арабдан кошмаймын, руш болсун үчүн, агер ажалдын үндөөчүсү келмесэ ушбу китабны фарси тили бирлан мурса этмек көңүлүмдө бар…»

Китептин тили баштан аяк ушул таризде, жөнөкөй жана түшүнүктүү. Аны ушу турумунда эле түрк элдеринин кай кайсынысына болсун тартуулай берсе эби келет. Экинчиден, эмгектин орусча оодармаларында, айрыкча эл, жер аттарынын окулушунда кай бир чаташтыктар кезигет. Китеп лингвистикалык, этнографиялык, тарыхый гана бай материал эмес, бу күндө анын саясий мааниси да артылып отурат. Андыктан баба тарыхын түп башатында кандай болсо дал ошол сынында калкыбызга жеткирүүбүз кажет.

Абулгазы санжырасын жазганда өзүнө чейинки орошон тарыхчы Рашид ад диндин атактуу «Жамаагат тарыхына» арбын таянган. Кай бир аалимдер ушуну бетке тутуп Абулгазы санжырасын «абалкылык» укуктан ажыраткылары да келген. Ырасында Абулгазы ага эле таянган эмес, ал араб, парсы, түрк, мангул тилдерин билген. Арабстан, Эрен, Туран, Моголстанда тээ алмустактан берки өткөн орчун окуяларды, караңгы замандардан келген хан санатын, калк ыраатын баян курган канча бир кийиз сырт китептерди окуган, китепкөй эле эмес аны элдин ооздон оозго көчүп келген кебине эптүү кыйыштырган, чегинен чечен сөз тапкан, ошонун баарын көңүлүндө жадыбалдай жат сактап, турган жеринде өшөрдөй төгүп айткан жер чечегин безеген санжырачы да болгон. Бая Эрен журтунда ак үйлүү жүрүп кийин элине кайтып келатканда калмак ханы Хо Орлоктун колунда бир жылча туруп калган жайы бар. Ошондо маңгул тилин да түгөл үйрөнүп алган. Кийин Чыңгыс хандын тарыхын жазганда Рашид ад динди эле эмес, Чыңгыс хан тууралуу жазылган дагы он жети китепти окуп чыктым, андан санжырама бирте-бирте киргиздим дейт өзү. Демек, Абулгазы «жайыты» алда канча кеңири.

Чыңгыс хан демекчи, кыябы келгенде айтылаар дагы бир сөз: буга дейре да, эми да Чыңгыс хан заманына, анын как инсанына карата кызыгуу уламдан-улам өсүп келет. Бүтүн көчмөн дүйнөнүн Ийсадан берки өткөн эки миң жылдык жолун «Чыңгыс хан дооруна чейин» жана «Чыңгыс хан доорунан соң» деп чарт айрып турган тарыхый улуу бурулуш тилке, улуу инсандын өзү, улуу каганаттын тарыхы-таржымалы биротоло тастыкталып бүттү деп айтыш али эрте. Буга дейре бул кыймылдын маңызына бир гана күн батыш тургудан берилген баа акыркы чындык катары айтылып келет. А чынында Кавказ тоодон же Карпат тоодон, болбосо орус дөңсөөдөн гана көрүнгөн чындык эмес, бүтүн Борбор жана Орто Азия алкагын, кылкылдаган кыпчак талаасын алаканга салган Кантеңир чокудан да ачылып чыгаар акыйкат бар. Ал акыйкаттын түгөл таанылышы азырынча башына жарым-жартылай ширге жабылган дал ошол Борбор жана Орто Азиянын рух азаттыгы менен тикелей-тике шартташкан. Абулгазы санжырасы карайлаган журтка Кантеңир чокуга кетүүчү жолду нускаган дагы бир жарык шоола.

«Түрк санжырасынын» түп нускасы төңкөрүшкө дейре Казандан эки ирет чыгыптыр, 1824-жана 1906-жылдары. Андан алып түрк филологу Ахмед Вефик Паша (1823 –

1891) Түркиядан кайтара бастырыптыр. Азыркы Советтик Түркстандын кай кайсы калкында кас калыбында басылып чыккандыгынан кабарым жок. Тек бардыгына бирдей тарасын үчүн араб арибиндеги түп нускасын, азыркы кирилл тамгасындагы так окулушун барабар бастырып чыгаруу зарыл деген ишенимдемин. Муну түрк элдеринин кай кайсынысы болсун шымаланып баштап ийгени ийген. Эмесе Абулгазы атабыздын мезгил сынагынан өткөн санжырасын кас калыбында бастырып чыгарууну келечектин иши санап, азырынча жалпы окурман журтубуздун талабына ылайык бардыгы тогуз баптан турган санжыранын бир бабын азыркы кыргыз тилинин кыртышына кондуруп сунуш кыла туралы…

Чоюн Өмүраалы уулу

ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ

МУХТАСАР ТАРЫХ КЫРГЫЗИЯ

Тарых жазуучунун ыры

Колума калем алдым тарыхты жазмак үчүн, Туугандарымды курдаштарым билсин үчүн. Бу тарых жазылды кыргыз үчүн, Кыргызды кыйла калктар билсин үчүн. Бу тарых билдирер бабабызды, Эки жүз миң үйлүү кыргыздарды.

Болуптур түп атабыз Угуз хандан,

Угуз хан бири болур тогуз хандын.

Аңтардым алда канча тарыхтардын,

Кыссасын нечен-нечен өткөн жандын, Тарых демек – өткөндөрдүн алын билмек, Ата-баба, олуялар жайын билмек.

Акылы артар пикири өткүрлөнүп, Бүтүн-бүтүн башка адам болор демек. Жер жүзүндө түркүм-түркүм адамдарды, Түрлүү-түрлүү диндерин билүү демек. Тарыхын казак, кыргыз, ногой, сарттын, Кай насил, кай уруктан келгендерин. Бир бирден ар бирлерин баян кылдым, Катама айып кылба, туугандарым.

Ат койдум тарыхыма «Кыргызия», Кагаз, калем алуу менен мен колума.

Жаздым мен бир нечеңди дастан кылып,

Окуган факырыңыз Букар шарыф,

Төртүнчү атам Маматкулдан Болот, Темир, Кашкасы аттыкындай ар ким билер. Үчүнчү атам Черикчи Эр Темирден, Экинчи атам Абайылда Черикчиден. Өз атам Абайылдадан Сыдык маркум, Дуга кыл энди бизге, туугандарым. Агабыз молла Сабит дин агасы, Көндүрдү дин жолуна туугандарын.

Агабыз: экинчи – Канаат ажы,

Дин үчүн жахилларга (наадандарга) урду камчы. Дин кызмат, миллетке (улутка) көңүл берген Табылбас артык биздин, кыргыз калкы. Атабыз молла Осмонаалы, Айта берсем сөздөрүм козголады.

Акыл, илим менен ачылган өнөрлөр

Өнөрдүн артыктыгын эшитиңиз, Пайгамбар ак кудааны бир билиңиз. Илим менен пайда болгон нерселерди Жазайын баян кылып тыңдасаңыз. Бир күндө алып учар айлык жолго, Темир жол, тегиз үстү от араба.

Эшитебиз кабарды бир четинен Электрик, телефон, тилгирам мен.

Сууга кайык жүргүздү кеме менен,

Илим менен ар түрлүү өнөр билген.

Дагы да асманга учту аба бирлен, Кааласа кайта келип жерге түшкөн.

Воздушный шар деп айтады атын билген,

Өнөрманга акылды кудай берген,

Калкыбыз мындайларды көрүп беди, Айтайын баян кылып билгендерди. Эшитебиз чыкты деп чыбыксыз тилгирамды, Аман болсо көрөрбүз муну дагы. Алты атар, он эки атар бардеңкелер, Жана бар ар түрлүү машинелер.

Чөп чаап, аштык оруп, кийим тигер. Сөз сүйлөп, грамофон тамаша этер.

Жана чыкты электрик чырак деген,

Бир мүнөттө шаар ичин жарык эткен,

Телескоп дүрбү чыкты жылдыз көргөн, Бир тарууну бир түйөдөн үлкөн эткен. Үнөр менен нечен завод кеме кылган,

Шолар менен кымбатты арзан кылган,

Басмакана жана бар китеп баскан,

Халктарга өнөр менен магарыф (агартуу) чачкан. Кезит, журнал маалумат ар тараптан, Шолар менен калкыбыз көзүн ачкан. Өнөр менен ушуларды адам тапкан, Жалгыз ак казак-кыргыз карап жаткан. Катардан кийин калдык наадандыктан, Не керек мынча жатмак, ай-ай тууган! Биз дагы өнөр билсек обол баштан, Кутулбас беле башыбыз наадандыктан. Чыккынчы бу шайлоого кырк жыл болду, Шол шайлоо бакырлыкка себеп болду. Мактанып бай баласы акмак болду, Жинденип колдо малын чачмак болду.

Мас болуп бирөө чыкты бий болом деп, Кас болуп бирөө чыкты мен болом деп. Бирөө чыгар биздерди унуттуң деп, Колдон келсе аянбай паралар жеп. Талашып болуштукка акча төгөр, Көргөн соң акмактарың неге турар.

Кандайча ушулардан каламын дээр, Болбосо беш-он теңге аламын дээр. Эртерээк ээр токунуп атка минер, Шордуунун аты арык, зорго жүрөр. Калжырап бу бечара карап жүрөр, Кеч кирсе амалы жок үйгө келер.

Паланча ыстарчынга айла жоктур Ынтымак биздер дагы кылайык дээр. Бу шордуу байге атындай элтең этер Тилегине жете калса, мал түгөтөр. Насыясы өз малынан артып кетер, Түгөтүп туугандарын ууру этер. Береди улуктарга миңден акча, Көтөрмөгө сарт, ногой бере калса. Бар, бурадар, досум деп малын сурар, Үмүрүнчө кар болуп кудай урар. Тилмечтерге береди жана акча, Кубанады тилмечтер акча алса.

Кызыл чок деп Пржевалдын «тайганы» бар, Бу «Тайганга» жолуксаң – замана тар,

Мусулманга кез болбосун, ойбой кудай! Жигиттиктен түшкөн күнү кудай урар. Кез болсоң кара жолдон каршы аларга, Амалың жок акча бербей бекер өтөр. Шайлатып, болуш үйгө кайтар, Кедей байкуш чологун арыктатар. Түк пайда жок үйүнө барып жатар, Мактанып катынына сөзүн айтар.

Нечен залал ар жылда көрсө дагы, Күндөн-күн артылмакта бу шумдуктар. Бир-биринен ага-ини айрылмакта, Акмактык аламаты шондой болор. Сатылды азиз өнөр аз акчага, Көрдүңүз нечендерди, аксакалдар.

Жинденип акмак болбо боз балалар.

Бисмиллахир рахманир рахим (боорукерлердин боорукери алланын аты) Барча хамид аллах азожилге (бүткүл мактоо жогору турган аллага) болсун. Жана анын рахматы ва саламы пайгамбарыбыз Мухаммед мустафа селлоллоху алей ва-саламга болсун, анын сахабаларына жана анын үммөтлерине жана барча мусулман балаларына аллоху тагала туура жолду көрсөтсүн. Амма багди (мындан кийин) биз бу китепти жаздык кыргыз туугандарга кызмат үчүн жана кийинкиге ядгер (эстелик) калсын үчүн. Ар калыкта бир тарых бардур. Биздин кыргызга тарых жазуучу адамы жок болгон үчүн «кыргыз кырк кыздан» деп, шайых Мансурдун бир нече акылга макул болбогон хикаятлар (аңгемелер) келтирген. Көрпө, тери алдап алуучулардын сөздөрү жанына өтүп, он беш жылдан бери аңтарып, текшерип, эки жүз миң кыргыздын ата-бабаларын таратып, тээтиги Адам алейсаламга жеткирдим. Биз дагы асыл заттан экенибизди билсин үчүн, он беш жылдык мээнеттеримди бир саатча көрбөй, калем тыбырата баштадым. Төмөндө сарбагыш, солто, бугу, саяк, азык, черик урууларын бир бирден баян этип, кыскачараак кылып билген кадары азыркы журт башчыларына чейин таратып жеткирдим.

Тарых билүү эмне үчүн!

Өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт, (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер болду, мына ошолордон бир-бирден кабар берет. Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдардын адилдигинен ыйбаратланат. Ошону менен бирге окуучуларга магрифат (илим-билим) пайда болот. Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарых билүү керек. Үтө этибарлуу бир илим.

Тарыхтын пайдасы

Тарых билген адамдар оболкулардын алын көргөн шекилдүү билет. Бир кез орунда отуруп алып, нечен миң жашка чыккан адамдай билет. Кыскасы – замандын оболунан акырына чейин билет. Тарых окубаган кимди билсин? Тарых окуучу эр замандын оболунан ушул убакытка чейин билет жана дастан кылат.

Кайсы тарыхты обол билүү керек?

Ар иште тартип болгон шекилдүү (илаа хам фала хам – «эң керек анын соңунда бек керек») тартибинче баруу керек. Ошо өз урууларын билип, андан соң башка калкты билүү керек. Маселен: Иранды мусулман деп, Урумдун башка динде экендигин тарых окуган билет. Андай болсо сарбагыш, солто, азык, черик, саяк, бугу уругун бу китепти окугандар билет. Бир бирден дастан кылып баян кылат. Он беш жыл туугандарга кызмат кылып ата-бабаларын сүрүштүрүп талыбаган, балаларын сүрүштүрүп арыбаган мен соңгы ядгер (эстелик) калтыруу үчүн үмүт калемдерин тыбыраттым. Атабыз Кыдык маркумдан тартып, кырк төрт ата менен азирети Нух алейсаламдын Яфас аттуу уулуна ягни түрк атабыз алпардым. Валлоху аглам (чындыгын алла билет). Жазуучу тахмин (болжол) гана кылат.

Азирети адам

Оболку атабыз болуп азирет (Адам), хаво (Ава) оболку энебиз болуп, жер жүзүндөгү адамдар ушул эки заттан таралган. Адам демек – жердин кыртышы демек. Азирети Азирейил тофуракты жердин ичинен албады, сыртынан алды. Ошон үчүн Адам аталды. Лакап аты софиюлло – алланын саф (таза) кулу деген сөз. Адамдын кабыры Серандипте, Хавонун кабыры Жидде шаарында. Бу заттардын сезиз жаннаты сайран кылып, бу дүнүйөдө нечен жыл өмүр сүрүп, фани (жалган) дүнүйөнү таштап, бакы (түбөлүк) дүнүйөгө кеткени айдан ачык, күндөн жарык. Анын несин айтайын, мураддан (тилегимден) калбайын. Экинчи атабыз азирети Нух болуп, нечен балакет, алакет (бүлгүн) пайда болуп, Тофан суусунан Үмөттөрү тамам болуп, үч уулу, үч келини калды. Бу жүргөн калыктар ошолордон таралды. Ол заттар үчүнчү атабыз. Аттары: Хам, Сам, Яфас.

Хам балалары

Хам балалары Африка, Америка, Асия кытааларында (бөлүктөрүндө), Индостан деңиздеринин араларында жалайы – вохши абалында тирилик кылган кара түстүү, илимсиз, магрифатсыз (окуусуз) бир калкдур. Негир дем аталат. Бу негир калкынын эр, катындары жылаңач кийимсиз жүрмөктө. Ауратларын (уят денелерин) жабуу деген жок. Лекин багзилери (кээ бирлери) арасында катындары жабат имиш. Аурат жерин. Кан, адам этин жечүүлөрү да бардур.

Сам балалары

Асия менен Африка кытаасында (бөлүгүндө) Мисирлилер, Асурийлер, Көлданилер, Ибранилер, Яхудиoлер, Араблар, Армендер боладур. Буларды Сам уруусу дейт.

Яфас уулдары

Яфас уулдары экиге бөлүнөт: Арилер, Туранилер деп. Ари дегендерибиз: Хиндилер, Иранилер, Сартлар, Афганлар, Юнанлар, Арнаутлар, Латинлер, Франсузлар, Инглизлер, Немислер, Орустар. Коом Арилер, башкача айтканда ак түстүү коом деп аталат. Азыркы замандын дөөлөттүүлөрү (мамлекеттүүлөрү) ошол уруктардан болуп атат…

Коом туранилер

Асия кытаасында (бөлүгүндө) болот. Кытайлар, Хинди-Кытайлар, Япондор, Финдер, Османилер, Татарлар, Кыргыздар, Казактар, Калмактар, Дунгандар – коом турания деп аталат.

Фасыл (глава) түрк уруулары

Яфастан төрт уул болуп, улуусу Түркдур. Атасы Яфас офат болор алдында улуу уулу Түрктү ордуна дайындап, кайтпас сафарга кетти. Эми Түрктүн өзүнөн баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогуз калмак ошондон калды: Түрк акылдуу, адептүү адам эле. Атасынан соң көп жерди көрүп, бир жерди жактырып, ошондо турду. Бул убакта ол жерди Ысык-Көл дейди. Эми ошол жерде болгон калкты Түркестанский облус демеги ошондон. Анткени, атабыз болгон Түрк атабыздын исмидур. Эми түрк уругу: Кытай, Япон, Манжур, Кашкар, Букар, Стамбол, Кырымдан тартып, мунжамид шималга (муздак түндүккө) чейин таралган. Ортосунда болгонубуз үчүн бизди Орто Асиялык дейт. Бу коюлган лакап аттар ошондон келет. Түрк офат болор (өлөр) алдында уулу Түтүктү өз ордуна коюп, барса келбес сафарга көчтү. Түтүк акылдуу, дөөлөттүү падыша болду. Тамакка туз татыткан сыяктуу түрк ичиндеги көп расимди (ырымды) ошол чыгарды. Эки жүз жыл өмүр сүрүп, атасынын артынан кетти. Ордуна Элчи ханды падыша кылды.

Элчи хан көп жылдар падышалык кылып, каары келгенде каар кылды, жолдон чыккандардын азабын берди. Бу да атасы барган жолго кадам койду. Ордуна Диб-Баку хан болуп, көп жылдар падышалык дооран сүрүп, маңгүүлүк (түбөлүк) журтуна жөнөдү. Ордуна уулу Күйүк хан болуп, бир нече жыл  адилдик менен өкүм жүргүзүп, фана (жалган) журтунан бакы (түбөлүк) журтуна жөнөдү. Ордуна  уулу Алынча хан болуп, көп жыл падышалык кылды. Тиги азирет Нух алейсаламдын (ал киши тынчтыкта болсун) заманынан баштап, Алынча заманына чейин бардык Яфас балалары мусулман эле. Алынча заманында эл бай, калк дөөлөттүү болду. «Ит семирсе ээсин кабар» деген макал ошондон калган. Дөөлөткө мас болуп, кудааны унутуп, бутпарастлик (бутка чокунуу) пайда болду. Эми ошол Алынча хандан эки эгиз уул пайда болду, Татар, Монгол деген экөө эки падыша болуп, элди экиге бөлдү. Татар өзүнөн баштап, жети уулуна чейин падышалык кылды. Алардын аттары мына булар: Бука хан, Яланса хан, Атсыз хан, Таттуу хан, Ордо хан, Байду хан, Сүйүнүч хан. Хандык ушул заттан кетти. Алынча хандан эки эгиз уул бар деген эдик. Бири Татар, бири Монгол. Татар баяны өттү. Эмин Монгол хан бир нече жыл хан болуп, ашын ашап, жашын жашап, тагдырдан бир саат кийин карап тура албай, эл бара турган жерге кадам койду, Ордуна уулу Кара хан болду. Бул заманда кудааны таанып, бир деген адам калбады. Бир нече жыл өмүр сүрүп адам колунан өлдү. Ордуна уулу Угузхан хан болду. Анасынын кардынан олуя туулду. Карахан заманында кудааны тааныган адам калмаса, Угузхан заманында кудааны таанып, бир дебеген адам калбады. Жүз он алты жыл падышалык кылып, бүтүн Асияны кол алдына каратты: Кытай, Япон, Рус, Индустан, Кашмир, Урум, Кырым, Афган, Иран, Бухар, Хива. Угуздун жыйырма  төрт небиреси болуп  бири Кыргыз жана Казак болуп, азыр да эки жүз миң түтүн. Кыргызды араб деп айтууга да болот, ягни далаа адамы демекдур. Багзилар (кээ бирөөлөр) «кыр кезден» кыргыз деп атады. Эми бул кыргыздар эсеп жеткис бир нече урууга тараган. Маселен, бир адамдан бир нече уул болсо, ошол уулдарынын балалары ар бир атасынын аты менен аталып кетедур. Эми Кыргыз Мухаммед алейсаламдан үч миң төрт жүз жыл мурун дүнүйөгө келди. Азыр кыргыз деп аталган бардык кыргыздарды Чыңгысхан кылычтан өткөрүп, кай бирин жесир (колго түшүрүп) кылып алып кетти. Андан бир адам качып кутулду, эки уулу менен өзү Кочкор менен Нарын арасында ашууда офат болду. Анын ысмы Долан эле. Ошондон Долон ашуусу аталды. Эми биздин Йажуж Мажуж дегенибиз ошол Чыңгысхан болодур: өткөнүнө жети жүз жыл чамалуу болот. Токсон боолу Өзүбектин бир боосу түрк уругунун бир уругу болодур.

Эми кыргыздан Сафаршаа. Анын уулу Алхак, анын уулу Рашидилхак, анын уулу Аналхак, анын уулу Барган. Анын уулу Габырхан, анын уулу Галдин, анын уулу Арслан, анын уулу Кылмый бий, анын уулу Шафур бий, анын уулу Тимуш бий, анын уулу Атан бий, анын уулу Синкин бий, анын уулу Сары бий, анын уулу Мурат бий, анын уулу Телгозу, анын уулу Калпак бий, анын уулу Домбал бий, анын уулу Долан бий. Бу заттын кабыры (көрү) Долон ашуусунда деген элек. Мундан эки уул: Алгул, Гул. Гулдан Чоңбагыш. Кытай кол алдында. Бир нече урукка таралган… Азгалы, Хандабас, Мачак, Кулун, Сарык, Фичне, Килит, Кутчу, Мундуз, тогуз урук… Агулдан: Адигине, (Тагай – X. К.) эки уул. Тагайдан: Богорстон, Койлон, Кылжыр – Үч уул…

Которгон К. Карасаев

«МУХТАСАР ТАРЫХ КЫРГЫЗИЯ» ЖАНА АНЫН ТҮЗҮҮЧҮСҮ

Китеп 1913-жылы Уфада басылып чыккан. Нукура кыргыз тилинде жазылган. Ал тургай диалект өзгөчөлүгү сакталган. Бул китепче тарых эмес, санжыра. Кыргыздын урууларын Оң, Солдон тартып, негизги чоң урууларды, алардын пайда болушун жазган. Албетте, бул да абдан керек. Китепти түзүүчү бүткүл кыргыз урууларына барып, алардын аксакалдарынан, санжырачыларынан сураштырып жүрүп жазган. Мунун илимий аппараты – көптү билген карыялар болгон. Ошолордун айтып бергендерин гана кагазга түшүргөн. Ал жөнүндө өзү да «жазуучу – укканын жазат, айтып берүүчүгө ишенет. Айтып берүүчү эмнени жалгаштырды, алла билет!» – деп эскерткен. Бул китепчени жазууга эмне түрткү болгонун автор мындай түшүндүрөт: «Кыргыз кырк кыздан» деп, шайых Мансурдун акылга сыйбаган сөздөрү, ошол көрпө, тери алдап алуучулардын сөзү жаныма батып кетти. Ошон үчүн он беш жыл аңтарып, текшерип, биз дагы асыл заттан экенибизди билсин деп, он беш жылдык мээнетимди бир саатча көрбөй, калемимди тыбырата баштадым» дейт, автор.

Китепченин орфографиясы жана тыныш белгилери жөнүндө

Илгери, илгери дегеним – Кокон кандыгы заманында эле кыргыздарга Ташкенден, Букарадан, Кашкардан кожолор кыдырып келип, элди динге үндөп, балдарын окутуп, дин китептерин жаттатып, карындарын кампыйтып, көп мал таап келишкен. Китеп окууга үйрөткөнү менен, жазууга үйрөткөн эмес. Аң-сезимдүү адамдар өздөрү эле ошол окуган китептерине ээрчип, өзүнчө «орфография» менен жазышкан. Буга революциядан мурун жазылып калган документтер күбө боло алат. Кептин кыскасы – ар ким өз билген имласы менен жазган. Анын үстүнө ошол кезде жазуу жалпы түрк элдеринде морфологиялык принципке негизделген. Араб-иран тилдеринен кирген терминдерди бардыгы бирдей жазышкан. Бирок өз тилине ылайыктап окуган. Бул узун аңгеме.

Бул китепчени азыркы жазууга өткөрүшүм жөнүндө

Бул автордун китепчесин окуп чыгуунун өзү эле мүшкүл иш. Эгер кыргыздын эле сөзүн арибин ээрчип окусаң – дайны жок эле бир тыбыш айкалышы болуп калат. Муну окуй билиш керек. Мен тажрыйба кылып бир топ адамга окутуп да көрдүм. Баштары катып, отуруп калып жатышты. Бул китепчени биздин эч бир тарыхчыбыз, тилчибиз, адабиятчыбыз окуп чыкпагандыгына мен күбөмүн. Окугусу келген адамдар көп болгон, бирок окуй алышкан эмес. Азыркылар окуй албаган соң – кийинки урпак кантип окусун! Мына ушуну эсте тутуп, мен дагы автордун сөзү менен айтканда тарткан убарамды бир саатча көрбөй, машинкамды чыкылдата баштадым. Дагы айтам – автор нукура эле кыргыз тилинде жазган. Бир эле кыргыздын нукура сөзү бир нече түрдө жазылган. Тыныш белги деген жок. Бир эле сүйлөмдүн арасына нокот да коюлуп калган. Эмне үчүн минтип калды? Жөнү мындай го деп ойлойм: кол жазманын редактору татар, арип терүүчүлөр, корректорлор сөзсүз татар. Автор өзү Уфага барып, басылышына жетекчилик кылган эмес. Ошентип, алар – өз билгенинче терип, оңдогон. Ошонун натыйжасында нукура эле кыргыздын тили (арибин терип окусаң) чаар тил болуп калган. Мен оңдоо киргизгеним жок, автордун оюндагысындай бастым. Жалгыз гана түшүнүксүз араб-иран сөздөр үнө кашаанын ичине түшүндүрмөсүн жазып койдум.

Мен байыркы орус тилинде жазылган Радищевдин «Москвадан Петербургга саякат» дегенин кыргыз тилине которгон элем. Мындай машакат чеккен эмесмин. Чеккен машакатым – бир тыйын. Кийинки тукум окуп, алгачкы документ катары бааласа – мен ыраазы. Мен китепти мактагым да, жамандагым да келбейт. Келечек тукум өзү сындасын, өзү бааласын. Бизде бир жаман адат бар: окубай туруп, китептин мазмунун билбей туруп, «бул китепте манаптарды, уруу башчыларын жазган» деп керексиз бир сандырак катары баалап жүрүшөт. Андай эмес. Ар бир жазылган нерсе – адамдын башынан чыккан. Ал чыгарма качан, кандай доордо, кандай автор жазды – сын көз менен караш керек го. Аны кийинкилердин адил сынына калтырдым. Ушул китепке байланыштуу мындан бир нече жыл мурун чыккан китептер жөнүндө да маалымат бере кетейинчи, балким кереги тийип калар. Азыр мен бере турган маалымат эч жерде жазылбаган жана эч бир окумуштуу да билбейт.

  1. «Кысса-и зилзала». Жазуучу молла Кылыч Төрөгелдин. Казань, 1911-жыл. Хак масулият (чыныгы жоопкерчилик – К. К.)                                                                                                                          Ишенаалы Арабаевде.

Кылычтын бул «Зилзаласын» окуган тилчи же тарыхчы деле жокко эсе. Бул да араб тамгасында Казанда чыккандыктан, мунун да имласы абдан эле татаал. Көп сөздөр бузулуп басылган. Анын себеби да өйдө жакта айтылгандай. Бул чыгарма жана ошол эле Ишенаалы Арабаев жана Сарсекеев түзгөн биринчи алипбээ «Төтө окуу» жөнүндө менин «Мемуарымда» толук берилди. Ал «Зилзаланы» да так «Тарых Кыргызиядай» кылып, жаңы тамгага көчүрүп басып койгомун. Кызыккан адамдар ошол менин «Мемуарымды» карасын (эгер жарык көрүп калса). Ошондой болсо да ушул тарых китебине байланыштуу «Зилзаланын» сыртына соода уюмдарынын берген жарнамасын дагы бир жолу келтире кетейин. Татар тилинде:

«Яңи басылачак китапляр: 1) Казак-кыргыз балалары үчүн оку китаби; 2) Кыска гана куралчылык китаби. Казак-кыргыз балалары үчин; 3) Зарзаман. Язувчи молла Кылыч; 4) Кыргызда болуп өткөн чоң адамдардын ашларында болуп өткөн салтанат. Молла Кылыч. 5) Түрлүү куштар. Асыл түрк лугатына ярдамчы (Түрк элинин түшүндүрмөлүү сөздүгүнө көмөк катары – К. К.)– Молла Кылыч.

Молла Кылыч язган китапляр сатылачак:

Токмокто Ыкбал китепханасында. Пржевальскиде Сулейманов яне Абдивалиев магазиндеринде. Каракоо базарында молла Султан Кыргызбаев сатат.

Мына ушундай жарнама жазылган. Казандын архивин издеген адам таап алат го деген менде үмүт бар. Мен убагында суранып атып командировка ала албай койгомун!

Эми «Мухтасар тарих Кыргызияны» жазган Осмонаалы Сыдык уулу тууралуу кыскача маалымат. Албетте, мен ал кишини көргөн эмесмин. Булар тек гана билген адамдар аркылуу алынган маалымат.

Өзү Бухарадан окуган экен. Бул маалымат китебинин ичинде бар – өзү араб-фарсы тилин жеткилең түшүнгөн түрү бар. Аны колдонгон терминдеринен байкадым. Атабабасы кайсы уруктан экендиги да китебинде. Ошондон маалымат аласыздар.

1919-жылдан бери пенсия алчу экен. 33-жылы камалган. Түрмөдөн качып чыгып, Текеске кетип калган. Үйбүлөсү бул жерде калган. Бир кызын драматург, жазуучу Эшмамбетов алган. Кызынын аты – Нурия. Бир кызын Жакишев Өмүркул алган. Аты – Гүлбаара. Эң кичи кызы Шарифа Фрунзе шаарында турат.

Текеске баргандан кийин үйлөнүп, бала-чакалуу болгон имиш. Балдары 1955-жылы көчүп келди. Өзү ошол Текесте каза тааптыр. Мен билген маалымат ушул.

Осмонаалы Сыдык уулу «Тарых кыргыз Шадмания» деген да китеп жазган. Аны мен илгери окугамын. Ал китеби деле санжыра болчу. Буга караганда бир топ кеңири эле. Өзү мурунку «Мухтасар тарых Кыргызиясында»: «Бул окуяны эмки китебибизде толук жазабыз» деп, эки жолу кайталаган. Демек, бул адамдын эмгеги экөө. «Тарых кыргыз Шадманиясын» мен издеп таппай койдум. Айрым үзүндүлөрү – Зияш Бектеновдун архивинде.

Мен Осмонаалы Сыдыковдун ысмын даңазалайын деген максат менен китебин жаңы тамгага өткөрдүм. Кыргыз тилинин эстелигинин бир белгиси катары кийинки тукум билсин деп убараландым. «Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн оозу жаман» кыла көрбөгүлө! Тек, эл билсин деп жаздым.

Хусейин Карасаев

ЗАРЫКТЫРГАН ЭМГЕК

«Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарыхты билүү керек жана (ал) –

көп этибар кылынуучу бир илим» Осмонаалы Сыдык уулу.

Ар кандай эл өзүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жараша маданий мурасын байытып келет. Канчалык коомдук илгерилөө ишке ашкан сайын, өткөндүн тарыхына адамзаттын кастарлоо мамилеси ошончолук өөрчүйт. Бул тармакта ар бир эл өзүнүн коңшуларынын алдыңкы, прогрессивдүү салттарын да тиешелүү даражада сиңирип турат. Калктар арасындагы мындай карым-катнаш Орто жана Борбордук Азияда өзгөчө орто кылымдар доорунда тездеп кулачын жайып кирген. Демек, ар бир элдин тарыхый жана маданий өнүгүшүндөгү жетишкендиктерин жана өзгөчөлүктөрүн, жалпы бир конкреттүү чөлкөмдөгү калктар менен орток жалпылыктарын да ажырата үйрөнүү керек.

Азыркы тапта кайра куруу доору советтик кыргыз таануунун алдына өтө олуттуу маселелерди жүктөдү. Эң негизгиси – жасалма кыйынчылыктардан арылтты. Алардын ичинен атап айтсак, кыргыздын революцияга чейинки илим жана маданиятынын айрым бир ишмерлеринин чыгармачылыгын изилдөө бир топ мезгилдерден бери тыюу салынган; эмгектен эмгекке көчкөн бир тараптуу сындар алардын татаал өмүр жолун, чыгармачылыгын кыргыз коому үчүн новатордук көрүнүштөрүн, дайыма эле бир кылка өнүгө бербеген кайчылаш социалдык позицияларын изилдөөгө тап койгондор үчүн тоскоолдук кылган.

Жакында дүйнөлүк чыгышпоздор, алардын ичинде советтик кыргыз таануучулар, түрк изилдегичтер үчүн өтө зарыл саамалык иш жүзөгө ашырылды – кытайлык кыргыз окумуштуулары тарабынан Осмонаалы Сыдык уулунун тарыхый эмгектери жарыкка чыгарылды (Молдо Осмонаалы Сыдык. Мухтасар тарых кыргызия. Жооптуу редактор – Анвар Байтур: Басмага дайындагандар – Ыбырай Айса, Норуз Үсөнаалы. Үрүмчү: Шинжаң жаштар басмасы. 1986. – 23–261-бет, арап арибинде). Алдын ала саал корутундуласак, 1913–1914-жылдары Уфада чыккан Осмонаалынын тарыхый эмгектери эми чыгышпоздордун кеңири катмарынын колуна кайрадан тийип отурат. Арийне, окурмандык сабаты жогорулаган советтик кыргызстандык китепкөйлөр дагы эле, белгилүү себептер менен, бул мурастан оолак кала бермекте (1984-ж. чыккан «Кыргыз ССРинин тарыхынын» 1-томунда «Мухтасар тарых Кыргызия» – «Кыргыздын кыскача тарыхы» – эмгегинин биринчи сөзү «муктаси» деп натуура жазылып калган; бул томдо Осмонаалыга айрым шилтемелер бар).

Төмөндө Осмонаалы Сыдык уулунун китептеринин синьцзяндык бириктирилген басылышы жөнүндө учкай кеп козгомокчубуз.

Китеп киришүү макалаларынан, «Осмонаалы Сыдык уулунун алиги эки эмгегинин азыркы кытайлык кыргыздардын арапча алфавитине ыңгайлаштырылган толук текстеринен жана эскертүүлөрдөн (илимий чечмелөөлөрдөн) турат.

Китеп Нооруз Үсөнаалынын «Китептин басмага дайындалышы жөнүндө» деген чакан макаласы менен ачылат (1-3-б.). Мында «Кыргызия» китебинин (б. а. «Мухтасар тарых Кыргызия» эмгегинин) Кызылсуу автоном областтык Саясий кеңешинин мүчөсү Үсөйүн ажыдан алынганын, ал эми. «Шадмания» (б. а. «Тарых кыргыз Шадмания» – «Шабдан жеринин тарыхы») эмгегин Акчий оодандык парткомдун пенсияга чыккан жооптуу кызматкери («кадры») Ыбырай Кадыр тартуулагандыгын, бул китептердеги «чагатай» жазуу системасы (бул терминди «орто азиялык жана чыгыш түркстандык орток түркий жазма» терминине алмаштыруу ылайык. – Т.Ч.) азыркы замандагы кытайлык кыргыздардын арапча жазуусу аркылуу транскрипциялангандыгын, көңүлдүн борборунда турган принцип – бул эмгектердин түп нускасына «адал» мамиле жасоо экендигин, демек, басмага текстти даярдоодо эч бурмалоого жол коюлбагандыгын Нооруз Үсөнаалы белгилейт. Автордун «чагатай жазуусу түркий тил системасындагы барлык улуттардын орток колдонгон жазуусу» болгондугу тууралуу пикири акыйкатка төп.

Ошондой эле автор бул эки китеп басмага өз алдынча даярдалгандыгын, бирок бир катар себептер менен бириктирилип чыгып калгандыгын, түп нускадан орфографиялык (тамгаларды жазуу боюнча) айрым четтөөлөргө жол коюлгандыгын белилей кетет. Маселен, орток түркийче «айн», үлбүрөк «хьа» тамгаларынын ордуна сөз ыңгайына жараша созулма үндүү «аа», же каткалаң «ха» тамгасы колдонулган. Бул чыгарылыш – классикалык чыгармаларды басмага даярдоодогу тунгуч карлыгач экендигин да ушул макаладан билебиз.

Кийинки көлөмдүү макаланы Кытай Эл Республикасындагы белгилүү кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур жазган. Ал «Кыргызия» жана «Шадмания» жөнүндө (Бет ачары ордунда) деп аталат (5–23-б.). 1985-жылы 1-апрелде Пекинде жазылып бүткөн бул макала үч бөлүктөн турат.

Биринчи бөлүмдө «кыргыз улутунун өз ичинен чыккан атактуу санжырачынын» өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө изилдөөчү өзүнө белгилүү маалыматтардын тегерегинде сөз кылат.

Осмонаалы Сыдык уулу кыргыздын сарбагыш уруусунан болуп, өз кезегинде орто-азиялык диний борбор Бухаранын медресесинде окуган. Кийинчерээк он беш жыл бою көптөгөн кыргыз урууларынын конуш-жайын кезип, маалыматтар топтойт. Ал түгүл 1901-жылы Кашкарга келип, 8 ай турат. «…Ушундай жапалуу эмгектери аркылуу «Кыргызияны» жана анын толукталган мускасы «Шадманияны» жазып чыккан (6-б.).

Анвар Байтурдун пикири боюнча «Кыргызия» эмгеги 1901-жылдан тартып жазыла баштап, падышачылыктан полковник даражасын алган Шабдандын өлүмүнөн (1912-ж. 28-марттан) кийин аякталган, а «Шадмания» болсо 1915-ж. (!) бүтүрүлгөн.

Ал эми макаланын экинчи бөлүмүндө Осмонаалы Сыдык уулунун чыгармаларында козголгон омоктуу ойлор, даректүү санжыралар каралып, «Кыргызия менен Шадманияда», бул эмгектеринин чакан көлөмүнө карабастан, Осмонаалы молдо «Кыргыз тарыхындагы бир канча маңыздуу маселелерди ортого койгондугу» далилденет (7-б.).

Биринчиден, – деп жазат Анвар Байтур, – «мындан эки миң жыл илгерки тарыхый эстеликтерде тилге алынып, чечилбей келген «кыргыз» деген улут наамынын маанисин илимий жол менен чечип берген» (8-б.). Автор Осмонаалы Сыдык уулунун «кыргыз» термининин келип чыгышы жөнүндөгү: 1. Огуузхандын 24 небересинин биринин аты; 2. бул сөз «кыр кез» – «кыр адамы – талаа адамы» деген сөздөн пайда болот, – деген пикирлерин Абулгазынын (XVII к.), татар тарыхчысы Мурат Ремзинин, түрк илимпозу Нажип Асымдын эмгектери жана кыргыз санжыралык уламыштарынын («аңыз») маалыматтары ж. б. менен салыштырат. Ошондой эле кеч феодализм доорунда сопулар тараткан этимологиялык вариантты (анда кыргыздардын түпкү атасы катары Шайхы Мансур Аллаж б.а. 858-жылы туулуп, 922-жылы Багдадда өлүм жазасына тартылган сопу шейх Мансур ал-Халлаж жарыяланып жана «кыргыз» этнониминин келип чыгышы «кырк кыз» менен байланыштырылып айтылат. Бул аңызды Осмонаалы молдо орток түркийче жазылган «Дивани Масур» эмгегинен учураткан экен. Макаланын автору эскерткендей, 1370-жылы Сун Лиян жазып калтырган кытайча бир вариантта да бул этноним «кырк кыз» деген этимонго такалат. – Караңыз: 11–12-б.; «Кыргызия», 11-б.) четке кагып, кескин жыйынтыкка келет: «Кыскартып айтканда, «кырк кыз» деген бу аңыз кандай түстө, кандай мазмунда болбосун, ал эч качан «кыргыз» деген маанини бере албайт!» 13-б.).

Экинчиден, «Кыргызия» менен «Шадманияда» кыргыз урууларынын санжырасы тунгуч ирет системалуу баян далган, – деген бүтүмгө келет автор. Тек, тактай кетээрибиз, кыргыздар жөнүндө санжыра жазуу салты мусулман адабиятында орто кылымдардан эле өнүгүп отурган. Маселен, иранист жана кыргыз таануучу В.А.Ромодин орусчага которгон жана изилдеген молдо Сайфеддин Ахсикендинин тажикче жазып калтырган «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы», XVI к.) эмгеги буга күбө (материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973, 200–216-б.).

Андан ары автор: «Осмонаалынын бу санжырасы кыргыз салтындагы муундаштык (уруу-уруктук – Т. Ч.) байланышы үчүн эле эмес, балким (тескерисинче – Т. Ч.), кыргыз коомунун түзүлүшүн изилдөө үчүн да эң кымбаттуу материал болуп саналат», – деп жазат (14–15-б.).

Үчүнчүдөн, санжырачы Осмонаалы ар кайсы уруулардын аттарынын келип чыгышы тууралуу бир катар кызыктуу уламыштарды (маселен, Орозбакты балдарынын кантип бугу аталып калышы ж. б.) эмгектеринде камтыган (15-б.).

Төртүнчүдөн, кыргыз урууларынын аттары (этноним, геноним) жөнүндө Осмонаалы молдонун жазган иликтөөлөрү Махмуд Кашгари (XI к.) сыяктуу илгерки илимпоздордун изилдөө салтына «негизинен окшоп кетет» «(б. а. ал салтты өзүнчө бир жаңы жагдайда улантат – Т. Ч.), – деп Анвар Байтур адилет эсептейт «(15–16-б.).

Бешинчиден, автор туура байкагандай, санжырачы Осмонаалы кыргыздын бир катар уруулары «башка улут жана элден келип чыккандыгын баяндайт. Мисалы: сарбагыш, солто уруулары ичиндеги «жети кул» тармагы жөнүндө токтолгондо, алардын кай бирлеринин «уурулук кылып колго түшүп, катынга калыңга берилгендиги, кай бирлеринин калмактан, кай бирлеринин казактан түшкөндүгү» баяндалат. Мындан башка жана «ормонкут», «монголдор»… сыяктуу уруулардын да башка улуттар менен муундаштык байланышта экендиги сүйлөнгөн. Мына бу материалдардан караганда санжырачы Осмонаалы бир улут (эскерте кетели, советтик тарыхчылар «улут» терминин капитализм жана социализм-баскычтарындагы этносторго гана карата колдонот, а кытайлык кыргыз илимпоздору көп учурда аны «эл» терминине синоним иретинде пайдаланышат – Т. Ч.) эзелтен эле сап кан, сап муундан (б. а. жалкы этностон – Т. Ч.) келип чыкпагандыктай чындыкты бир чама (кандайдыр бир даражада – Т.Ч.) түшүнгөн» (16– 17-б.).

Алтынчыдан, Осмонаалы Сыдык уулунун: «Атаңыздардын урматы үчүн, ошондой эле (кыргыздын) ысмы унутулбаган сыяктуу эле, тили да унутулбасын деп, нагыз кыргыз тилинде жаздым, арасында башка тилден да саал киргизилди» («Атаңызлардын хурмети үчүн хем исми унутулмаган шекилди тили да унутулмасун деп» нагыз кыргыз тилинде йаздум, арасында башка «тилден хем аз кирди»), – деп жазганын эскерип, изилдөөчү акын бул эки эмгеги «XX кылымдын 30-жылдарына чейин улантылып келинген эрте заман чагатай кыргыз жазуусундагы кыргыз тилинде жазылган», – деп жыйынтык кылат (17-б.).

Жетинчиден, санжырачынын эмгектеринде илимөнөргө кыргыз элин үндөгөн, ошондой эле өз доорундагы кыргыз урууларынын бытырандылыгын, өз ара уруучул кагылышууларын, маданий жактан артта калып жаткандыгын ашкерелеген саптар кезигет (19-20-б.).

«Жыйнап айтканда, – дейт Анвар Байтур, – Осмонаалынын бу эки китебинин эрекчеликтери (өзгөчөлүктөрү, оң жактары – Т. Ч.) өтө көп» «(20-б.).

Автор макаласынын үчүнчү бөлүмүндө Осмонаалы Сыдык уулунун эмгектериндеги фактологиялык жана маркстик изилдөөчүлөр эч кабылдабай турган теориялык «жетерсиздиктерге» токтолот. Маселен, Осмонаалы молдо «калың кыргыз эмгекчилерин жамандабаган болсо да, бирок Чар Россиянын (падышалык Россиянын – Т. Ч.) аскерий бийлөөчүсү Шабдан сыяктуу кыргыз феодалдарын, бий, манаптарын мактап көкөлөткөн. Ал элдин саясы жактан ойгонушуна үгүт бербей эле калбастан, тескерисинче, өзү жашаган доордогу эмгекчилердин саясы көңтөрүшүнөн оолак калган. Же болбосо мындай көңтөрүштөрдүн гана калың кыргыз журтчулугун чыныгы боштондукка жеткизип, алардын маданиятсыздыгын түптөп (түп-тамырынан – Ч. Т.) жоюу үчүн даңгыр жол ача тургандыгын түшүнбөгөн. Ал түгүл ырларынын кээ бир жерлеринде мындай көңтөрүштөргө жаман көз менен караган тараптары да жок эмес» (22-б.).

Автор андан ары Осмонаалы Сыдык уулу сыяктуу илимпоздордун мурасын баалоодо алардын оң жана терс жактарынын эч бирине көз жумдулук кылбоо керектигин белгилеп, төмөнкүдөй жазат: «Анткени, марксизм бизге тарыхтагы жекелерге (тарыхый инсандарга – Т. Ч.) баа бергенде аларга биз бүгүнкү күндө ойлогон ойлорубуз боюнча эмес, балким алардын өзүнөн илгерки тарыхы (й) жекелерге караганда кымбаттуу эмгек жараткандыктарына карай баа беришибиздин керектигин үйрөтөт» (23-б.).

Китептин негизги бөлүгү Осмонаалы Сыдык уулунун «Кыргызия» эмгеги менен ачылат. Аны басмага Ыбырай Айса даярдаган (1–85-б.; негизги бөлүк менен эскертүүлөрдүн беттери кириш бөлүмдөн өз алдынча номерленген).

«Кыргызия» (б. а. «Мухтасар тарых Кыргызия») эмгеги кыргыздын уруу санжырасын чечмелеген бөлүктөрдөн турат.

Осмонаалы Сыдык уулунун «Шадмания» («Тарых кыргыз Шадмания») эмгегин болсо басмага Нооруз Үсөнаалы даярдаган. Бул эмгек (87–250-б.) бир катар бөлүктөрдөн турат.

Китептин негизги бөлүгүнөн соң «Эскерүүлөр» (251– 259-б.) орун алган. Мында кытайлык кыргыз изилдөөчүлөрү Осмонаалынын эмгектеринин тексти боюнча 37 түшүндүрмө беришкен.

Маселен, 3-түшүндүрмөдө (251-б.) «Автор (Осмонаалы – Т. Ч.) өзү жөнүндө сүйлөгөндө атасын кээ бир жерде Кыдык, кээ бир жерде Сыдык деп айтат, Көбүрөөк тааныштырууларда Кыдык деген. Буга караганда тегинде Кыдык болсо да, кийинче автор аны Кыдык деген атка уйкаштырып «чарыярдын» (Мухаммед пайгамбардан кийинки төрт такыба халифтин – Т. Ч.) бири болгон Сыдык (Абу Бекер ас-Сыдык. – Т. Ч.) менен окшоштуруп атаган болушу мүмкүн», – делет.

9-түшүндүрмөдө (253-б.): «Йежуж-мажуж – ислам аңыздарындагы ааламды ойрондоп, инсандарга балааказаа келтирүүчү макулук. Бу сөз кийинче монголдордун чапкынчылыгынын символу болуп калган», – делет (кошумчалаарыбыз, мификалык жарым жапайы элди туюнткан бул термин, библиялык «гот-магог», – кыргыздын «Манас» эпосунда «Анжы-Манжы» болуп колдонулат – Т. Ч.).

23-түшүндүрмөдө (256-б.): «Адисун – асылы (й) аты Эдисон болуп (ал) – 1847–1931-жылдарда жашаган америкалык ишмер. Ал өз өмүрүндө 200 түрдөн артык нерсе ижат кылган (ойлоп тапкан – Т. Ч.)».

Китеп айрым кемчиликтерден да куру эмес. Маселен, кириш макалалардагы бир катар шилтемелерде тиешелүү беттери жазылбай, актай калтырылган. Бирок бул мүчүлүштөр кытайлык илимпоздордун илимий мээнетине болгон жогорку бааны жана ыраазычылыкты жокко чыгара албайт.

Жыйынтыктай келсек, Осмонаалы Сыдык уулунун бул тарыхый асарларынын кытайлык кыргыздардын бүгүнкү алфавитинде транскрипцияланып басылып чыгышы аларды илимий негизде ар тараптан үйрөнүү үчүн өтө омоктуу саамалык кадам болуп саналат. Эми  аны комплекстүү изилдөөлөр аркылуу улантуу керек. Күн тартибинде, маселен, бул эмгектердин факсимилесин чыгаруу, азыркы советтик кыргыздардын алфавитине диакритикалык белгилерди кошуунун негизинде же европалык чыгыш таануу илиминде кеңири пайдаланылган латын ариптеринин негизинде түп нусканын транслитерациясын берүү (кытайлык Сыдык таануучулардын бул усулду эмес, транскрипциялоо ыкмасын тутканы бул басылышты биринчи кезекте кытай кыргыздарынын кеңири окурмандар катмарына багыштагандыктары менен түшүндүрүлөт) жана бүгүнкү адабий тилибизге толук таржымалоо, ошондой эле анын Волга бою, Орто Азия жана Чыгыш Түркстандагы калктардын орток жазма маданиятында алган тиешелүү ордун аныктоо сыяктуу иш-чаралар өз изилдөөч үлөрүн зарыга күтүүдө.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН

ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ ЖӨНҮНДӨ

Элибиздин тарыхын иликтеп тактоодо, оозеки чыгармачылык, өзгөчө тарыхый булак катары кызмат кылган карыялардын нуска сөздөрү билимдүү адамдар тарабынан жазылып, элдик көөнөрбөс кенчине айланган. Кыргыз элинии тарыхын алгач ирет иликтеп, ак кагаз бетине түшүргөндөрдүн бири Осмонаалы Сыдык уулу.

Осмонаалы аксакал кыргыздын көп жерлерине маалым болуп, эл аны кадырлап, молдо Осмонаалы деп аташкан. Ал 1875-жылы эски Пишпек уездинде, Темирболот айылында (азыркы Кочкор районунда) туулган. Осмонаалынын өз атасы Кыдык кийин өзүнөн-өзү Сыдык аталып кеткен. Осмонаалы жети жашка толгондо энеси каза болуп, жети эркек жана бир кыз жетим калышат. Жетимчилик турмуштун запкысы Осмонаалыны сарбагыш уруусундагы черикчи Канаатка жигит болууга мажбур кылат. Канааттын опсуз тапшырмалары, опурталдуу иштерге жумшоосу Осмонаалыны чыйралтып, анын турмушка болгон ой жүгүртүүсүн кеңитип, Канааттын акылман байбичеси Кубаттын окуп билим алыш керек деген насыяты Осмонаалынын келечектеги багытын аныктоого көмөк көрсөткөн.

Осмонаалынын сабатын жоюп, билимдүү болушуна төмөнкү окуя дагы чоң түрткү берген: Канааттын атактуу Ак кушуна назары түшкөн Чойбек, Мырзабек өңдүү жумгалдык манаптар аны суратат, бирок Канааттан терс жооп алышат, бир ыгын таап Ак кушту уурдатып алышат. Куш Кубат байбиченин колунан жоголгондуктан, Канаатка жаман көрүнбөс үчүн, Кубат байбиче кушту кайра кайтаруу максатында Осмонаалыны күлүк атка мингизип Жумгалга аттантат. Осмонаалы он күн аралыгында эбин таап кушту кайра кайтарат. Кубат байбиченин ыраазычылыгын пайдаланып, Осмонаалы кийинтип окууга жиберүүсүн өтүнөт. Бирок Кубат байбиче Осмонаалыны бир сыйра кийинтип, жергиликтүү молдодон окутуп коёт.

Идиректүү Осмонаалы алган билимине канааттанбай, кыштын күнкү суукта Канааттын бир атын минип, Токмок шаарына качып келет. Ошол кезде Осмонаалы он үч жашта болот.

Осмонаалы Токмокто Осмон деген адамдын колунда болуп, Шакир калпадан окуй баштайт. Шакир калпа түндүк кыргыздарга белгилүү молдо болуп, татарча диний жана айрым таза билим (жаграфия, тарыхый) билимдерди да окуткан, Осмонаалы Шакир калпадан беш жыл окуйт. Анын окууга болгон дилгирлигин, аң-сезиминин сергектигин байкаган Шакир калпа окуусун улантуусуна кеңеш берет. Ошентип, 1895-жылдары Осмонаалы окуусун улантууга каражат топтоп, өз жерине туруктап, эки жыл Темирболот айылындагы балдарды чогултуп, динге үйрөтүү менен бирге, география (жаграфия), тарых билимдерин берүүгө аракет жасаган. Үзүнө аздыр-көптүр каражат жыйнагандан кийин 24 жашка чыккан кезинде 1899-жылдары Үчтурпан шаарында билимин улантат. Осмонаалынын окушуна Кашкардагы катуу жер титирөө тоскоолдук кылып, көптөгөн кырсыкка учураган эл бөлөк тараптарга оой баштайт. Осмонаалы өз элине кайтып келип, бир жылча сабак берип, андан кийин Бухарадан бир жылга жакын окуйт. Ошол кезде белгилүү манап Шабдан өз балдарын окутуш үчүн атайын Уфадан молдо алдырыптыр дегенин угуп, өз элине жакын болоюн деген максатта Кеминге келет да, бул чөлкөмдөгү ири медресеге кирип уфалык чоң молдодон окуй баштайт.

Ошентип, көптөгөн изденүүлөрдөн кийин Осмонаалы, кыязы, 1911-жылдары Уфа шаарына барат. Уфа шаары ал кезде диний илимдердин борбору делип эсептелинген. Осмонаалы Уфадан бир жыл окугандан кийин ушул эле мезгилде алгачкы тарыхый эмгегин жазып кирсе керек. Жогорку медресени бүттү деген шахадат-нааманы (күбөлүк) алып, өз элине кайтат. Шахадат-наама Осмонаалыга чоң медреселерде сабак берүүгө укук берген. Ошентип Осмонаалы аксакал өзүнүн «Тарых Кыргызия» китебин жазган кезинде диний окуунун бардык баскычын басып өтүп, калыптанган, боордош элдердин тарых жазуу салтын өздөштүрүп калган убагы болгон. Айтмакчы, анын элдин тарыхына болгон кызыгуусу эрте ойгонот, жаш кезинен эле карыялардын нускалуу сөзүнө кулак төшөп, дилине тутуп, кыргыздын санжырасын жакшы билгендерди атайын издеп, кагаз бетине түшүрүп жүргөн.

Он жылдап сезимине уюткан кыргыз элинин тарыхый жыйнактарын «Тарых Кыргызия» деп атап, Уфадагы басмаканада иштеген адамдардын кеңеши менен бул китепти чыгарууга бел байлайт. Китепти чыгарыш көптөгөн каражатты талап кылгандыктан, ал минген атын, саан уйларын, кой-эчкилерин жана өзү турган боз үйүн жаңыртыш үчүн даярдаган бир өргөлүк кийизин, кыскасы, колунда бар нерселерин базарга сатып, топтолгон акчанын күчү менен 1913-жылы «Муктасар тарых Кыргызияны» Уфадагы «Каримов, Хусаинов жана К» коому тарабынан чыгартып алат. Китептерди капка салып Пишпек шаарына алып келет. Жакшы жаралганына жана көптөгөн кыйынчылыктын өтөсүнө чыккандыгы үчүн ырым кылып, түлөө өткөзүүгө колунда малы жок болгондуктан, Осмонаалы бир дарбыз алып келип сойгон, – дейт айрым эскерүүлөрдө.

Осмонаалы Сыдык уулунун кийинки эмгеги болуп 1914-жылы Уфадан чыккан «Тарых кыргыз Шадмания» эсептелет. Ал мурдагы эмгеги жаңы санжыралык ж. б. айрым тарыхый маалыматтарды, ырларды кошуунун натыйжасында кеңейтип жазганда келип чыкты. Осмонаалы Сыдык уулун көрүп-билгендер анын көңүлү сүйгөн чөйрөсү акыл-эстүү, туруктуу, билимдүү, сөзмөр жана сараңдыкты билбеген адамдар эле деп белгилешкен.

Осмонаалы өз убагына ылайык өтө билимдүү адам болгон. Ал араб, фарсы, татарча жана өзбек тилиндеги китептерди окуп, тарыхка арналган китептер колунан түшчү эмес, деп айтылат кээ бир маалыматтар боюнча.

Осмонаалы Сыдык уулу 1920-жылдан 1928-жылга чейин Пишпекте (азыркы Фрунзе шаары) татар мектептеринде мугалим болуп иштеп, жергиликтүү калктын сабатсыздыгын жоюуга өз үлүшүн кошкон алгачкы билим ишмерлеринин ичине кирет. Осмонаалы 1931-жылы камалган, Осмонаалы Сыдык уулунун өмүрүнүн акыркы саптары толук айкын эмес. Анын камакка кесилишинин себептери (же таптык душман катары, же саясий көз карашы менен камалгандыгы) дагы терең иликтөөнү талап кылат.

Ал заманына ылайык билим алып, эмгектеринде тарыхка болгон таптык көз карашы марксизмге чейинки агымдардын бирине жатаары, албетте, бүгүнкү окурмандарга дурус түшүнүктүү. Айтор, ал адам аркылуу эл оозунан иликтеп, жыйналган жана кагаз бетине алгач ирет жазылган кыргыз элинин тарыхына тиешелүү маалыматтар көңүл бурууга арзырлык нерсе болгондугу автордун өмүрүн жана чыгармачылыгын үйрөнүүгө да түрткү берет. Анын чыгармачылыгын комплекстүү үйрөнүү, изилдөө биздин илимпоздордун бүгүнкү жана келечекки иш-чараларынын бирине жатат.

Мурат КОЖОБЕКОВ

 

ТОГОЛОК МОЛДО

ТАРЫХ, ТҮПКҮ АТАЛАР

Бул тарых атабыз Түрктөн баштап кыргыз элин айрым кылып ажыратып чыгат. Тарых билүүчү окуучуларга эскерме. Байымбет, 1920-жыл.

Тарых билүүгө адам керек. Аны интизарлуу окуп-билип, үйрөнүп алса, өзүнүн кайдан келгенин, кай түрлүү калк экенин, таралышынан бери дайындап билип алат. Тарых билбеген адам, нени билет?

Бул себептен барасаттуу адам баласына тарых билмек бек пайдалуу. О керектүү жумуш.

…Даражалуу атабыз Ноо байгамбардын үчүнчү баласы Жапистин уулу -Түрк. Бул Түрктүн жыйырма сегиз уулу болгон. Бүт түрк балдары, Түрктөн таралып, Алтайдан, аягы Түркстанга чейин туруп, өнүп-өскөн. Бул жерлер түрк жердеп турган себептен Түркстан деген атак коюлган. Раматлик Түрк атабыздын алтындай Жасаты атагы дайын айтылуу Көркүлдө калган. Бул кезде Көркүл атагы калып, Ысык-Көл аталган.

Эми Түрктүн өзүнөн тартып кан болгон балдарынын аттары: Түрк, анын уулу Түтеккан, анын уулу Элчикан, анын уулу Бококан, анын уулу Кийиккан, анып уулу Алынчакан. Бул Алынчакандын эки уулу: Татар, Монгол болгон. Татарлар өзүнчө тата деген атак алып кеткен. Булардын тукуму Казан, Газали, Булгари, Кара Үткөл, Кызылжар, Семей деген жерлерден орун алган.

Түрктүн сегизинчи муундагы тукуму Угузкан. Угузкан атактуу кан болгон. Угузкандын уулдары Бурут, Бурат, Кыргыз. Бураттын уулу Мок. Моктун тукуму айтылуу кара калмактар. Буруттан эки уул: Оуйгур, Байгур. Оуйгурдан үч уул болгон. Ангирия, Бицгирия, Чанту. Ангирия, Бицгирия Рум түркүнө жамынып кеткен. Бул кезде Бицгирия атак алып өзүнчө турат. Эми Кыргызкан баяндалат. Бул Кыргызкан бүтүн түрккө атактуу адилеттүү кан болгон. Өз заманында бир күнү салтанаттуу тактысында отуруп, көңүлүнө бикир түштү: «Атам Түрктөн тартып өзүмө чейин сегиз ата кан болду. Өзүм менен тогуз кан болду. Бул тогуз кандыкты куттуктап той берем»,– деп калкын жыйып кеңеш кылып, чоң той берди.

Тойдо тамаша, мөрөйдү арбын кылды. Күрөш, эңиш, эр сайыш, ар түрдүү мөрөй кылды. Ар кандай мөрөйгө тогуз малдан берди. Бул Кыргызкандын берген салтанаттуу тоюнун мөрөйлөрү, той тамашасы, тогуздан берген нускасы, биздин түрк баласына нуска, көбүнчө биздин кыргыз элине расим, нарк болуп калды. Кудалык, достук же айып жана башка бирөөгө мал берсе тогуз малды берет.

Экинчи маселе кыргыз балдарынын сыпаты. Кыргыз эли мындан мурун 2700 жыл чамасында дайындуу. Кыргыз эли деп салтанат, салты дайын болуп келген. Кыргыз туулуп, өнүп-өскөн жерлери Казан Көл, Ак деңиз боюнда, Алтай тоолорунун арасында. Оркон дарыясынын боюнда, Эртыш дарыясынын өрөөнүндө жана Эртыш, Оркондун ортосунда Шапшак деген жерде турган. Өзүлөрү үйлүү көчмөн калк болгон. Баккан мал чарбасы көп болгон. Жылкы малдары чаар жана ала келген. Ала жылкылуу, ак калпактуу кыргыз деп атак алып турган. Ал убакта монголду Түрк ынтымагын кетирбей колуна кармап турган. Жана жигиттери, келин-кыздары эркин эле. Кыз, келиндердин ырдаган ырлары мындай:

Ак теңиз, Алтай боюнда, Күндө жыргал тоюңдан. Күнү-түнү көп ойноп, Таркабайт кумар оюндан.

Жердебей турган жер бекен? Шапшактын башы шамалкөй, Шаары жок боз үйлүү.

Түрктө кыргыз амалкөй, Той тамаша толкундап, Толуп жатат ар жерде. Токмок салды, кыз оюн, Болуп жатат ар жерде.

Ал убактыда Кыргызкандын ордун баскан өз насилинен атактуу кандары болгон. Соноркан, анын уулу Олчоңкан, анын уулу Жоокачты кан, анын уулу Басалгалу Баатыркан деген. Бул Баатыркан өз заманында чексиз баатыр адам болгон.

Кыргыз өскөндүктөн, далай жерлерге кол созууга көңүл кылган. Ал кездеги элдин көбү көчмөн эле. Мына Истампулдагы атактуу түрктөр ошол Алтайда турган. Бул убактыда Осмония атак алган эски түрктөр дагы Алтайдан келген. Жана калың татар, казак, кыргыз, каңгүн, калмак, байкор, уйгур, тажик, түркмөн, бүтүн түрк балдары Казан Көлдөн тартып, Алтай, Тяншань тоолорун бүтүн ээлеп турган. Ал кезде бүтүн түрк балдарынын бакканы чарба мал, жарактары мылтык, жаа, саадак, атканы бугу, марал, аркар, кулжа, эчки, теке жана башка аң болгон.

Кыргыз эли ошол толуп турган убактысында үч жүз жыл кандык доорун сүрүп өткөргөн. Кандары мамлекеттен мамлекетке өкүмүн жүргүзгөн. Бул элден кандык өксө болгон эмес. Бул үч жүз жылдын ичинде кыргыз душманын басып алган. Бастырган эмес. Кыргыз эли өзүлөрү бай, өлкөсү кең эл келген. Эл ичиндеги карып, мискин, жетим, жесирге кайрымдуу, ырайымдуу эл болгон. Ошол кездеги кыргыздын жигиттери өрттөн кайтпаган, жоодон качпаган баатыр эле. Карылары нарк, санат сүйлөгөн акылдуу даанышман болгон. Аялдары адептүү билгич эле. Келиндери кенен өсүп, кенен басып, келбеттүү болгон. Кыздары кымбат кийимдерди кийип, эрки менен жүрүп, өздөрү сулуу, сөздөрү жылуу болгон. Кыз кийбесе уят деп, бар тапканын кызга кийгизген. Кыргыз эли Алтайда турганда өзүлөрү тың, жарагы чың болгон.

Жоо-жарактарды мындай күткөн:

Башына туулга деген темир кийген. Үстүнө кийгени тор темирден торгой көз бадана соот болгон. Чыканактан тартып колдорунда карыпжын деген темир болгон. Көкүрөгүн кармаган чарамна деген, белин бекиткен белдемчи кыяк деген темир жарактары болгон. Бул жарактардын сыртында душман аткан окту тосо турган темирден калканы болгон. Бул жоо-жарактарын кийип, топчуланып, үпчүлөнүп, кандай каршылашкан душманга киргенде да качкан эмес. Бул кыргыз эли башкүндөн эле баатырдык атак алып келген. Жоо-жарак, шайман куралдары жок адамды адам санында көргөн эмес.

Жараксыз жигиттен кайраттуу катын жакшы деген.

Кыргыз элинин баатырлыгы түрүлгөн түмөн түрккө, ойрот, тыргоот, канкан, какан, чынга чейин дайындуу болгон. Бул Кыргызканды Кытай Какаткан дейт. Кыргыздарды да Какаждар дейт. Какаждар деген себеби: Кытай журтунда «рэ» деген тамганы сүйлөбөйт, (бул «рэ» тамга кытайда жок). Ал себептен кыргызды бүгүндө дагы «какаж» дейт.

Алтай тоосунда атактуу баш жагында Жунгария деген жери бар. Аяк жагында Инизей деген жер бар. Бул Жунгария Каракалмак, каңгүңдүн турган жерлери. Жана Инизей деген жер. Сөз жүзүндө тилден тайгылып жүрөт.

«Инизей» эмес. Бул Ээнсай деген жер. Кадимден кыргыздын кандары ордо кылып, орун алып турган кенен жер.

Баатыр Манастын атасы бай Жакып орун алып, өрүш кылып, мал төлдөтүп, көбөйткөн жер. Жана баатыр туулган жер. Манас балалык чагында ойноп, жыргап, дуулдаган жер. Энесай эмес, Ээнсай деген жер.

Эми мурунку түрктөрдүн сөзү келет.

Бул түрк балдары Алтайда турганда өзүлөрү малга мас болуп, үч жүз жыл кандык доорун сүрүп, асилет жоо, жарагы бүт болуп, бүтүн түрк баласы көпкөндүктөн элирип, бүтүн дүнүйө жүзүнө кол созгусу келген. Баарысы баш кошуп, маслакат кылган. Эртиш дарыясынын боюнда Жыргалсай, Талдысуу деген жерде, бул убактагы каны узун бойлуу, терең ойлуу Байтык кан деген кан болгон.

Бул Байтык кан кыргыз уругунан болгон журт жайылып келгенден кийин көпчүлүк журтка насыят айткан:

– Бул мажилиске келген каның, бегиң, караң, төрөң, кары-жашың уккула. Бул алакандай Алтайды менден талашпагыла. Барыңар өнүп-өсүп көбөйдүңөр. Жер боору жазы эмеспи. Ар кимиңер ар жерден каалап, тандап жер алгыла. Бул жер деген баладан-балага калган мүлк болот. Алакандай Алтайга жамынып туруп оокатыбыз кантип өтөт? Татарлар, силер дагы түрктүн бир уругунан арбын элсиңер. Мына Исекиптер, силер дагы кадимден бери атактуу эски түрксүңөр. Бул кезде бүтүн түрк баласына дөөлөт келип турган кези. Эринчектик кылбай, жер менен чоң казына болот. Балдарыңарга казына, мүлк калсын. Жалпы түрк балдары, жалпы баарыңарга айтам. Урум, Кайсар, Константин, Опол деген жер, Исекиптер, сенин жериң эмес беле. Азыр бул күндө ошол жерди Арабдар келип жердеп турат дейт. Бул арабдар жер ээн жатса жердебейби? Бирөөнүн жеринде немене акысы бар? Барганда өзү эле чыга берет. Менин бул айткан насыятым силерге жактыбы? Же жаккан жокпу? – деп Байтык кан айтып өттү.

Бул насыят бары журтка жакты. Татарлар, Исекиптер көпчүлүк журтка ажырашаяк кылып, чоң той берип, Эртиш дарыясын бойлоп көчүп калды. Келип ээ болгон жерлерин, башка элден ажыратып алып, орундап жатып калды.

Бул искин деген сөз. Эски түрк деген сөз. Булар эски түрк атак алып, орун басып калды.

Урум, Кайсар, Ыстампул, Константин, Опол деген жерлерге ээ болуп, түрктүн атагын чыгарып, атактуу кан болуп калипа, султан деп атак алып, айтылуу чоң кандар катарында болду.

Эми өзүбек, тажик, түркмөн, кыргыз, калмактын айрымы айтылат;

Алтайда өзүбек, тажик, кыргыз, калмак деген эл болгон. Дайындуу алты жерде атактуу көлү болгон. Алтайдын башында Сонор көл деген көл бар. Экинчи, ортосунда Көкөндөр деген чоң көл бар. Үчүнчү, Ит ичпестин Ала-Көл деген көл бар. Төртүнчү, Ысык-Көл. Бешинчи, Соң-Көл. Алтынчы, Чатыр-Көл деген көл болгон. Жердеген калың кыргыз эл болгон. Ал кезде калмак түрк атагын бузбай аралаш турган. Жыргалдуу Алтайды жердеп турган. Атканы аң, агытканы тайган, салганы бүркүт, куш, чапканы күлүк, мингени жорго болуп эркин жыргап турду. Бул арада бир нече жылдар өттү. Кандык кыргыздын колунда болду. Калмакка кандык берген жок.

Ошондуктан калмак менен кыргыздын арасына араздык түшүп, калмак чегин бөлө баштады. Баарыбыз тең тууган болсок, теңдүү оокат кылабыз деп чыкты.

Ал кезде кыргыздын каны Алпаркан деген киши эле. Калмактын башчысы баатыр Дорбун деген киши эле. Дорбун бул таарынчы менен Моктун иретин бөлүп, кытай канына арызданып, кыргыздан бөлүнүп кетти. Бөлүнгөндөн кийин тынч турбай, кыргызга асыла баштады. Тилине – тилин, дилине дилин кошуп, Моктун сөзү кытай канына кабыл болуп,– кет түрк тууганыңа,– деп кыргызды Алтайдан айдап чыгарды. Кыргыз келип Ала-Тоону жамынып, Алтайды сагынып, башы Жаргент, Челекте, аягы Изар, Колупту орундап туруп калды.

Ага чейин башкарар адамы жок болуп, кыргыздын эрки кетип эндиреп калды.

Ал кезде кытайлар Түркстандын жерине кызыгып, эндирей турган кыргыз, казакты, кытайлар Алтайга айдап барып, иштен калтырып, өзүлөрүн ар жерге таратып бөлүп-бөлүп жиберди.

Түркстанды бүтүн кытай ээлеп алды. Бүтүн Түркстанга кытайдан улук койду.

Анжияндын атагы башында Баргана эле. Буга Андажан деген кызды улук койду. Кыздын атынан Андажан аталып калды.

Кокон шаарын жактырып чоң баа берип, экинчи Какан деп Бежинге баалап атак койду.

Наманген шаарынын аты мурун Төрөкоргон эле. Буга Наманкан деген киши улук болуп, бул шаар Наманкан аталып калды.

Кожант деген шаар башында Улуукент деген шаар эле. Муну жактырып Коожант деген атак койду. «Коо» деген сөз кытай тилинде, жакшы деген сөз. Муну жакшы шаар деп атак койду.

Бул жерлерди бүтүн ээлеп алып туруп, айтылуу Алооканды баш кылып, кырк миң үйлүү кытай жиберди. Бул жерге бир нече жыл кытайлар ээ болуп турду. Акыры ошол кезде баатыр Манас Алтайда туулуп эр жетип, баатырдык кайратын аябай, кытайды сүрүп айдап чыгарып, бүтүн Түркстанды түрк балдарына бошотуп берди.

Ал убактагы кыргыздар дайындуу бир нече урукка бөлүнгөн. Мисалы, Эсбет, Досбут, Эштек, Жедигер, Кыпчак, Катаган, Өзүбек, Тажик, Түркмөн, Сайрак, Нуркунан. Бул кезде Түркстан кыргызында эл баккан баатырлары да мыкты болгон.

  1. Эсбет деген элден Күйүкдү деген чыккан. Ташкенге кан болуп, Талас, Чүйдү жердеп турган. «Таластын башы Суусамыр, суусаган эрге жолуксун» деген макал ошол Күйүкдүдөн калган. Күйүкдү кандын уулу Жамгырчы кан, анын уулу айтылуу Көкөтөй кан, анын уулу Бокмурун.

Көкөтөй Ташкенге орун басып, атактуу кан болгон, анын акылман чечени Байдын уулу Баймурза деген киши болгон.

  1. Досбут деген элден алтын көкүл, кер көкүл кандын уулу, жоокери Көкбөрү, Көкбөрү байдан Көккоён, Султан жана чечен Шыбырчечен. Өзү сүйлөңкү, тартынбаган чечен киши эле.
  2. Эштек деген элден Жамгырчы деген болгон. «Эштектердин Жамгырчы, Эрдигин Эштек даң кылчу»,– деп атыгып чыккан.
  3. Кыпчак деген элден, тору кыпчактан Сарбан-таздын уулу Үрпү баатыр чыккан. Жана Дөкү-кыпчактан айтылуу Эламандын Эр Төштүк чыккан.
  4. Катаган деген элден айтылуу баатыр абаң Кошой чыккан. Элетен байдын уулу Эр Агыш чыккан. Кулетен байдын уулу Куу Койоли чыккан.
  5. Үзүбектен Санчыбек чыккан. «Анжыянда Санчыбек, атпай журту өзүбек, кошоматчы бепилдеп, кобураган сөзү көп» – деп атыгып чыккан.
  6. Нуркунан деген элден  баатыры Манас,  чечени Байжигит, акылман карыясы Бакай, жообөрүсү Серек, жолборсу Сыргак, акылманы Ажыбай, беги Кутунай, берени Чубак, кырааны Алмамбет болгон.
  7. Жедигер деген эл Ысык-Көлдүн башында, Кызылкыя, Санташ, Түп, Жыргалаң деген жерде турган. Жедигердин Эр Бакыш деген баатыры болгон.
  8. Тажик деген элде, Самарканда Шамурат деген каны болгон.
  9. Түркмөн деген элде, айтылуу Амыркан деген каны болгон.
  10. Сыр дарыянын боюндагы Сайрак деген элде Турсункан деген каны болгон. Булар тоо-таштарда көчүп жүргөн көчмөн эл болгон.

Булар баарысы Манастын амырында, Манаска байланган эл болгон. Бактылуу эрдин жолдошу жана кыргыз элдеринин коргону болгон.

Чыңгыс кандын заманына чейин, Манастын тукумунан носурат кайтканча бул эл бек кубаттуу турган. Ал аңгыча заман которулуп, Семетей өлүп, Сейтек жетим калып, Канчоро менен Кыястан азыраак кордук көргөн.

Сейтектии уулу Кенендин убактысында калган кыргызды Кенен баштап алып ыстампул түркүнө жамынып кеткен. Бул кезде Жимделү-байсын-Сынап-Курт деген жерде баатыр кыргыз атак алып, өзүлөрүнчө кароол болуп турат. Алман, зекетин Ыстампулдун канына берет.

Жана Катаган уругу Оогандын канына карап кеткен кара калкан Кундус деген жерде турат.

Кыргыз түбүнөн көп эл эле. Муну Чыңгыскан бүлдүрүп жоготту. Калганын Чыңгыскан айдап барып, эл четине, жоо бетине чеп кылып токтотуп койгон. Ак Теңиз, Оркон, Каракалкан, Шарпылдак деген жерде өзүлөрү чарба, көчмөн болуп турат. Булар дагы кыргыз атагын колунан кетирбейт.

Кыргызды башында Чыңгыскан амал менен караткан. Ырыска тогуз шумкар тартуу алып барган. Тогуз шумкарды Ырыска берген.

Ырыс ага, бул шумкарлар сизге тартуу кылып бергеним. Мага жол ачып бергин. Күн батыш тарабына казат сапарын кылып чыктым. Буяктагы элди каратып алсам, Ырыс-Чыңгыс болуп жыргап жатабыз,– деди.

Бул сөзгө Ырыс алданып, Чыңгысканга жол ачып берди.

Чыңгыс аскерге бүтүн кыргызды айдап алды. Ар жердеги согушка салды. Өлүп, кырылып, коромжу болду. Чыңгыс бул күн батар жактагы элди каратып алгандан кийин бул амалды кылды.

Өзүнүн төрт уулу болгон: Жуучу, Чагадай, Октой, Толо деген. Жана сегиз убазири болгон: Соботой, Кулкөтөй, Куубелек, Күлжүрек, Каражар, Үгүзкүлдүр, Келеңгөр деген.

Жуучу деген уулун татарга кан кылды. Чагадай деген уулун Кырым, Кавказга кан кылды. Октой деген уулун Коконго кан кылды. Өзүбек, тажикти колуна тапшырды. Толо деген уулун өз колуна алып, Алтайдын Бабута деген жерине Токуй деген шаар салып, такты куруп, сурак кылып жатты.

Эми Чыңгыстын максаты Пежинди алмакта. Мунда дагы кыргыздын калган катканын, Ырысты баш кылып айдап алып барып, кытай чегине койду.

Ырыстын иниси Долон жана Сабатайдын иниси Муратай экөө айдалып бара жатып кеңеш кылды,

– Бул Ырыстын ырысы ченелди. Бул Чыңгыстан бизге жакшылык келбейт. Эми биз өз жаныбыздын камын кылалык,– деп бул экөө айдоо, байлоодон кутулуп, кайра качып, нечен күн жол басып, Анжыян жактагы Азирети Айыптын тоосуна келди. Долон бул жерге токтоп калды.

Муратай: – «Мен бул жерге турбаймын. Кулак уккус, көз көргүс жерге кетемин»,– деп качып, Кожонт шаарына барды.

Кожонтко кан болгон Чыңгыстын Октой деген уулун кыпчак Эрданекан өлтүрүп, «бул кытайдын кордугу бизге далай өткөн» деп, Кожонтко уруп-басып кан болгон экен. Бир уулу, бир кызы бар экен. Уулунун аты Эреше, кызынын аты Мания.

Бир аз жылда Эрдане кан өлүп, ордуна Эреше кан болду. Муратай Эрешеканга увазир болду. Өзү билгич, акылман адам эле. Ар кандай кызматка айттырбай жакты.

Эрешекан карындашы Манияны Муратайга чоң той кылып, никелеп алып берди.

Муратайдын асли түбү Сайрак деген кыргыздын уругунан эле. Муратайдан Мания бир уул тууду, атын Пайыз койду. Жана бир кыз тууду, атын Айымкан койду. Бул балдарды туугандан кийин каза жетип Муратай өлдү. Пайыз эр жеткенче энеси Манияны кыргыз наркы менен Пайыздын иниси Карек деген алды. (Карек Пайыздын иниси болбосо керек, анткени өз энесин өзү алабы?) Карек өзү окумуштуу, чоң молдо киши.

Каректен төрт уул туулду. Улуусу Абырайым, анан Сыдык, Жусуп, Шакир.

Пайыз бикир кылып, бул арада энеси Маниянын Карекке тийгенин жактырбай, көзүнө салкын көрүнүп, энесине да ыраазы болбой жүрдү.

Ал аңгыча бир катар заман которулуп, Долонбай дагы дүйнөдөн көчтү. Иш Агул, Губулга калды. Анын балдары Адигине, Тагайга калды.

Долон бий өзү акылдуу, кенен пейил адам болгон. Анжыян, Кокондун кабат-кабат шаарларына Арканын Ала-Тоосунун атыр жыттуу көк ала майдан, бир колотун бербеймин – деп мал чарба менен, Алатоону аралап көчүп жүрүп өттү, маркум атабыз Долон бийдин алтындай жазаты (мүрдөсүгө) Кочкор, Нарындын ортосунда Долондун бели деген жерге коюлган. Бул Долон аталып калган.

Долон бий кытайдын туткунунан качып келгенде бир кызга кайындаган. Бул кыздын боюна бала бүтүп уул тапкан. Долон бий «кыз колуктум уул тууду. Кыздан тууган балам, кыз Моңмош болсун»,– деп атын Моңмош койгон.

Мурунку байбичеси эки уул тапкан. Булардын биринин аты Агул, биринин атын Губул койгон. Бул балдар эр жеткенде, Долон бийдин ордуна бий болобуз – деп, калк ичинде бийлик талашкан. Калк муну ажырата алган эмес.

«Биздин наркыбызда улуу баласы атасынын ордун басып бий болчу эле. Кичүү баласы казына, мал, мүлккө ээ болчу эле. Мунун улуусу кимиси, кичүүсү кимиси экенин кайдан билебиз? Экөөнүн улуу, кичүүсүн энеси билет» деп энесинен сурады.

Анда энеси калкка айтты:

– Эки баламды эгиз төрөдүм бир сааттын ичинде. Агулду мурун төрөдүм. Бул оң бөйрөгүмдө жаткан бала экен. Дүнүйөнүн жарыгын Агул мурун көрдү. Жана Губулду төрөдүм. Сол бөйрөгүм бошоду. Дүнүйөнүн жарыкчылыгын Губул кийин көрдү – деди.

Көпчүлүк акыйкат жеринен, энеси чын айтты деп бийлик даражаны Агулга берди. Башка мал-мүлк Губулга тийди.

Агулдан эки уул болду: Адигине, Тагай. Бул Адигине уруусу бир канча көп эле. Уруктары дагы арбын.

Агулдун балалары оң жагымда жатты дегенден оң аталып калды. Губулдун балалары сол жагымда жатты дегенден сол аталып калды.

Эми Губулдун алты уулуна келели:

  1. Асыгалы. 2. Кандабас. 3. Пичене. 4. Килет. 5. Кулансарык 6. Сапарбай.

Асыгалыдан Чоңбагыш деген эл. Кашкар тоолорунда турат.

Кандабастан Кутчу. Булар дагы көп эл. Таласта, Анжиянда, Кашкарда, чачкын.

Пиченеден Саруу деген эл. Көбү Таласта.

Килеттен Мундус деген эл, булар дагы Таласта, Анжыянда, калгандары ар элде чачкын турат.

Кулансарыкта Тентек Акмат, Телкул деген эки уул болгон. Булар түбүнөн сөзгө келбеген өкүм, кежир эл болгон, бири-бирине баш берген эмес. Бул себептен башсыз аталып кеткен. Бул басиз деген эл ошол уруктан.

Сапарбайдан тукум калган эмес. Кулансарык, Сапарбай экөө бир тууган. Кулансарыктын жалгыз кула байталы болгон. Сапарбайдын миң жылкысы болгон. Сапарбай көп жылкыны Кулансарыктын жалгыз кула байталын контуктап минип баккан. Эл ичинде «Сапарбайдын сан жылкысы көзүнө көрүнбөй, Кулансарыктын Кулабайталын контуктап минип жылкысын баккан экен»,– деген ылакап ошондон калган экен. Кашкар жакта жүргөн жери «Кулансарык, Сапарбай» деп жерге атак болуп калган.

Эми Адигине балдарын айталы. Адигине балдары көп урукка бөлүнөт. Бул элдин уруктары арбын. Адигине уругунан мыкты, элге пайдалуу кулачын жайып, эл баккан азаматтар көп чыккан. Өзүбек менен эрегиш ачып, «Кудаяркан ит багар, итин баксын. Бул эл багалбайт»,– деп Кокондун ордосунан айдап чыккан баатырлары болгон. Бир нече күн шаардан адам чыгарбай камап жаткан күндөрү болгон. Бүтүн кыпчак баласын кыргыз уругуна тартып колуна алган. Бул баатырлар Баргы деген уруктан. Кудаярканды Кокондон айдап чыгып кан болуп, кандык даражага баш берген айтылуу Алымбек, Парманажы, Карабагыш деген элден Койчу датка. Теңизбай деген элден Шапаке датка жана Дубана датка, Кыдыр ордачы. Жана Кыпчак деген элден Молдо Алымкул. Булар Коконду камап алып, Кокон шаарына жан киргизбей койгон күндөрү болгон. Өзүбектин балдары мындай деп ыр чыгарган:

Ичкенибиз жарма ашы,

Жегенимиз музоо көши,

Баатыр кыргыз деп койсо, Качканымыз базар башы.

Эми уруктары айтылат: Баргы, Кара баргы, Сары баргы, Таз баргы, Кара багыш, Түлөйкө, Теңизбай, Тасма, Бостон, Баштык, Бөрү, Жору, Үзүлдү – он үч урукка бөлүнөт. Бул эл Өзгөн, Ош, Арабан, Ноокат деген жерде.

Алай тоосуна жамынып турат.

Эми Тагай балдары айтылат: Тагай бийден үч уул болгон. Оросбакты, Дөлөс, Карачоро. Оросбактынын эки уулу болгон. Багыш, Көкүм деген. Бул багыш уругу кыргызда көп эл. «Кыргызда багыш көп. Казакта Жаныш көп»– деп атак алган.

Бул багыш уруктары Өзгөндө, Намангендин айланасы бүт багыш. Жана Таласта дагы багыш көп. Көкүрөк Чангент деген жерлерде да турат. Жана Солто ичинде да көп багыш бар. Жана Карачоро балдары багыш менен бирге турат. Жалпы Багыш «Жанкорозбуз» деп атак алып, Талас, Анжиянда.

Эми Дөөлөс балдары айтылат. Дөөлөстүн өзүнөн үч уул болгон. Богорстон, Койлон, Сарбагыш. Сарбагыштын мойну оң жагына кыйшык эле. Ошондуктан Сарбагыш дебей Кылжыр аталып кеткен. Богорстондон Солто, Койлондон Жедигер. Анжыян тарапта турат.

Кылжырдан Бугу, Сарбагыш. Булар ар урукка бөлүнөт. Дайындуу болуп өз ордунда.

 

УРУУЛАРДЫН БӨЛҮНҮШТӨРҮ

Кыргыз ичиндеги башка уруулар

Күнтуудан туулган Төлөк баатыр кечээ казак кайың саап, кыргыз Ысарга киргенде он эки жыл туруп калат. Бул арада Төлөккө кыпчактын бир мыктысы куда болуп, бойго жеткен кызын ала турган болгондо, же болбосо Төлөк баатыр кайра Жумгалга көчөрдө баягы кудасы Оогандын канынын ордосунан беш жашар, кулагында алтын сөйкөсү бар бир эркек баланы ала качып келип Төлөк баатырга, кызынын калыңына берип, кызын алып калган экен. Ошол баланы салык катарында алган экен. Демек ал кезде кыздын калыңына мал алууга анчалык кызыкпастан кул, күң кылыш үчүн кишиден салык салчу экен.

Баягы алтын сөйкөлүү баланы Төлөк баатыр бала кылып жүрүп, катын алып берген соң Үсөн деген уулуна энчиликке берген экен. Ал баланы Үсөн кулданып жүрүп, бир чекене аш берген соң, аттын баш байгесине бир эчки сайып, тогуздун аягындагы байгеге баланы сайып жибергенде бир киши айткан экен: «– Ой, Үсөн! Бул бала тегин жигит болбойт. Өзүң алып кал. Тукуму мыкты чыгат»-дегенде тогуздун аягына келген ат ээсине бир ак эчки берип, Үсөн кайра сатып калды. Ошон учүн баланын аты Ак эчки (Агечки) болуп калды.

Бул Агечкиден Шайбыр, Токтор, Жээнбек – үч уул туулат. Шайбыр өтө баатыр чыгат, төмөнкүдөй эрдиктерди кылат.

Кечээ кийин Медет датканын ашында (Кочкордо) солто Эшкожону конок алганда кой союп, кой этине аралаш семиз кунаажындын чүйгүн этин кошуп тарткан экен (өтө уруусунан Дербишбай деген). Бул тартылган этке Эшкожо ызаланып: «Мага буканын чыбыгын тартты. Саякты чаап алып, айрыкча Курмангожону камчыга ченеп бөлүп алалы. Медети өлдү, эми кайсы кишиси калды дейсиң» – деп сарбагыш уруусун сөзгө алып, келерки жылы жаз алды менен чапмак болуп, солто, сарбагыш баталашып тарап кетишкен.

Келерки жылында айткандай Эшкожо көп колу менен Шамшы ашып, Кочкор келип, Курмангожо уруусун чапмак болгондо Шайбыр баатыр аз гана жасоо айрып, алдын тосуп чыгып, Шергазы байдын «Келинкер деген атын жайдак минип, жекеге чыкканда Бөбүй Жаныбек баатыр жана Тыныбек баатыр дегендерди өлтүрө сайып, көп колдун мизин кайтарып, өз элиң аман сактаган.

Каракучкач уруусунда

Дайырбек байдын уулу Ымандын аялы (Ыман) көл башындагы Токоч уулу деген бугунун бир уруусунан катын алган. Кийинки жылда Ымандын кайын атасы келип, бир нече күн конок болуп жатып, үйүнө барганда күйөөм, кызым жалгыз бой экен, отун-суу, казан аягына жумшасын деп бир күң катын берип жиберет. Ал күңдүн аты Чачпак күң болот.

Чачпак күңдү алган эч ким жок, өзүнчө жүрө берип, боюна бүтүп, бир эркек бала тууйт. Анын атын Жанузак коёт. Жанузакты Жаныбек бий балам деп эле тарбиялап жүрүп, эр жетип чоңойгондо Жанузакка катын алып берет. Андан туулган Болоткожо, Канкожо – эки уул. Мындан балдары азыр «Каракучкач» уруусу болуп турат.

Курмангожо уруулары Кочкорду жердеп турганында Медеттин уулу Айтак баатырдын ашы болуп, Анжиян Арка дебестен көпчүлүк чакырылган. Демек Айтак баатыр жыйырма бир жаштагы чагында бугу Ногой баатыр көл башынан келип Медет датканын үч жүз жылкысын тийип, Айдакты сайып өлтүрүп кеткен.

Муну менен Медет датка кийинки жылы Кокон канынан эки саркерин баш кылып бир миң кол сурап алып жана өзүнүн саяк уруусунан бир миң кол алып, бардыгы эки миң кол менен бугуну чапкан. Колдун теңин тескей менен, теңин күнгөй менен жүргүзүп бара жатканда колдун кабары боюнча бугулар Текестен ашып Тосор, Тамга деген жерлерге чейин түшкөн дейт.

Ошондо көп мал, дүнүйө жана бир канча адамдарды колго түшүрүп келип, Кочкорго үй тиктирип, Айтака аш берет. Бул ашта бардык мөрөйүнө баягы чабуулдан келген кыз, келин, жигиттерден байге кылат. Ошондо эң аягы – балбан күрөш байгесине ак төөгө мингизип, кымкап кийгизип туруп бойго жеткен кызды сайган. Кадимки атактуу балбан (баатыр) Коной, Шургуй дегендердин араандап турган чагы дейт. Кокон канынын алдында багылган, атактуу кандын Ак Балбаны менен Кошой баатыр күрөшүп, Ак Балбанды жыгып, мөрөйүнө ак төөгө мингизген кызды алган экен. Ошол кызды катаган уруусунан бир адам алып, андан туулган тукумдары бар дейт. Кимдер экени белгисиз болуп, айтып берүүчү киши жок болду.

Чоро менен бугунун эки тартыштарында

Мурунку «кырк жигит» Бектендин уюштуруусу боюнча Бугулардын көп кишилери өлүп жана жеңилип келгендигинин зити менен көл башындагы  көп бугулар келип, кыштын күнү Арпага бет алып жөнөгөндө Арпанын бетиндеги Чоронун айылына жетпестен Көйгаптын талаасындагы Калмак Адыл дегендин үч жүз жылкысын жана Адылдын катын-баласын, он бир  баш бүлөсүн чаап кеткен. Жолдо бара жатып балтыр бешик эркек баласын кардын үстүнө жылаңач ыргытып таштап, он бүлөсүн олжолоп алып  кетишкен. Эми бул Адылдын калмак экенинин маанисин төмөнкү түр менен баяндайбыз: Адылдын атасы Боркок дегенди (үч бир тууган экен) Жанболот баатыр бала чагында жортуулда жүрүп калмактан алып келген (Текес жактан). Үч баланын биринен кадимки Балбай баатырдын Өмүр дегени туулат. Жана биринен солто ичиндеги Күрпүк баатыр деген туулат. Дагы биринен Боркок баатыр, андан Адыл. Бул Адылдын үч жүз жылкысы  менен катын-баласын издеп суроо салып, жаки намысын алып бербестен, чоролор жатып алган соң, бир жылдан кийин Адыл өзү, кадимки Карабагыш Болот баатыр (Мөөрдү ырдаган жээни эле) аны ээрчитип алып көл башындагы өзүнүн аталаш тууганы Өмүр баатырга барып тууганчылыгын айтып жатып, намысын Өмүр аркылуу төмөнкүдөй кууйт.

Адыл менен Болот баатыр экөө барганда бугунун мыктылары: Карач баатыр, Боромбай баатырларга Өмүр кажырын салып, Адылдын үч жүз жылкысынан бир жүзүнүн көзү болгондуктан чогултуп берет. Катын-балдары тынымсейит Алыке баатырдын колунда калган экен. Алыке баатыр Нарында. Ошон үчүн Карач баатырды, Адылдын жанындагы Болот баатырды ээрчитип алып, Нарындагы Алыкеге жөнөйт. Карач баатыр Алыкеге келип: «Адылдын катын-баласын бергин» – десе, бермек турмак, киши келдиңби, ит келдиңби дебестен, Карачты тоготпой, кете бергин дейт. Ошону менен Карач баатыр ачууланып: «Сени шашпа, сокур… Эртең ушу маалда көрүшөбүз»,– деп, үйүнө кирбестен, атчан турган бойдон, салам-аликтин ортосунда эле түрлөрүн бузушуп, сөз таратышкан эки баатыр жаакташып, Карач жүрүп кетет.

Жылдыз толгон кезде бир айылга келип конуп, аттарын суутуп жатып калды. Бирок Карач баатыр эч кандай конгон жерден эт тамак жебейт. «Эмне үчүн баатыр тамак жебейсиң»,– десе, «жээр чакта жээрмин»,– деп таңдан жүрүп кетти. Ал күнү кечке жүрүп отуруп, Боромбайга барып, ачуусу эки күнгө чейин тарабай келген Карач баатыр салам-аликтин ортосунда:

  • Оо, Боромбай, сен мени сокур итиңе каптырып, кыларың ушубу? – дегенде алдына тамак, бозо койсо: «Ичер чакта ичермин»,– деп Карач баатыр тамак ичпей, Боромбайдын мейман үйүнө жатып алды. Боромбай баатыр Карачтан ызаланып келди түн боюнча түн катып кишилерди туш-тушка  чаптырып, таң сүргөнгө чейин бир миң кол чогултуп, Карачтын алдына тизилтип койду.

Ошондо Карач баатыр кабагы ачылып, ачуусу тарап, бозодон абдан ичип, тамак жеп алган соң ойлоп: «Алыке сокурга мынчалык кишинин кереги да жок»,– деп, үч жүз гана киши тандап алып, баягы Болот баатырды жанына алып, Алыкени көздөй жүрүп кетти. Карач баатыр күндөп-түндөп олтуруп Алыкенин үстүнө барып:

  • Ой, Алыке сокур! Кана жасооң? Мен айтканымды, эртең ушу маалда кылам, сени шашпа дебедим беле. Канчалык алың бар? Эми Адылдын катынын, балдарын айыбы менен алдыма сал. Үзүм, кошуунумду кондуруп туруп эртең жолго сал,– деди да жатып калды.

Эртең менен болгондо Алыкенин жылкысынан, айлынан жүз элүү жылкы карматып, Адылдын катын-баласын атказып алып мырза чабуул деген ушу болот деп, үч жүз колуна эки оборадад бир деп жылкы бөлүп берип көлгө жүрүп кетти.

Көлгө барып Адылдын катын-баласын тапшырып, жыйнап берип, Чорону көздөй жөнөттү. Өмүр баатыр Адыл тууганына жүз жылкысынын көзүн таптырып бериптир.

Саяк уруктары

Эреше кандын атасы Эрдене кандын заманында Байыш баатыр Ныл дарыясынын боюнда сандап, миңдеп жаткан саяк (сит) уругунан Кожант шаарында Эреше канга вазир болгон Эреше кан өзү кыпчак уругунан. Бир нече жыл вазир болуп туруп, Маниса-айым деген Эреше кандын карындашын алат.

Маниса-айымдан бир бала туулат, анын атын Ырай коёт (кудайым ырайымдуу кылар бекен деген ырымы боюнча). Ырай жаш кезинде эле Байыш баатыр дүйнөдөн кайтат. Маниса-айымды Карек деген Байыш баатырдын иниси алат. Бул жерде Каректи эшен деп атап жүрүшчү болгон себеби, ал кезде Кожанттагы кандар, бектер молдолук жолу менен жүргөн үчүн, Каректин дайым молдолугунан Эшен Карек деп койгон.

Эшен Каректин агасы Байыш баатырдын Эрдене канга келүү себебине бир токтололу.

Ныл дарыясынын боюн жердеген көчмөндүү калың Кыргыз болгон. Алардын уругун сит деп атаган (сайах), демек, ар дайым аңчылык, жаңы журтка күн сайын которулуп көчүп жана жортуулда жүрүүчүлүк аркасында сайах деп койгон. Ошонун натыйжасында Байыш баатыр төмөнкүдөй ойлогон: «Менин бир арманым, сырт жерине барып ордо курган кан, бектердин алдынан катын алып, тукумумду боору сары жерге таратсам, жана жалпы менден тараган уругумдун наамын сайахка айландыруу милдетим»,– деп ойлогон. Ошон үчүн Байыштын уулу Ырай жалгыз болуп калды деп Маниса-айым кийинки эринен (Эшен Каректен) төрт уул тууйт. Алар:

Ырай эсен-аман эр жетип, энесинин эрге тийип кеткени көзүнө салкын көрүнүп, Ала-Тоо көздөй бет алып качат. Келсе, Ала-Тоодо Тагай бий чоң үлүш берип жатканында кезигет. Жанында кадимки Домо кандын уулу бар. Бул Домо кан Намангендин жанындагы Төрөкоргон деген кыштакты салган, кандык наам алган баатыр кыпчактын уругунан. Домо канды өзбектер кандык талашуу аркасында өлтүргөн соң баласы качып чыгып, сыртка келе жаткан Ырайга жолдош болот. Бул баланын көтөргөн азык-түлүгү болгон үчүн Тагай бий Азык деп ат койгон.

Мурун Тагай бий Эреше кандын колуна ак үйлүү барып бир нече жыл жүрөт. Бир күнү кан ууга кырк жигити менен кетип бара жатса шаардын чет жагында бир адам көйнөгүн биттетип олтурганын көрөт. Жанындагы обозгеринен сураса бит караган кишинин Тагай бий экенин билип, уудан кайта келген соң ордо кыздардан бир кыз алып берет. Ал аялы боюна бүткөн учурда Тагай бийдин ак үйлүүгө отурган жүрүшү бүтүп, элине кайтмак болот. Тагай бий кетеринде ордо кыздан алган аялынын колуна бир кетечи, бир кестик (пычак) тапшырат. Агер эркек туусаң балаң эр жетип чоңойгондо кетечи менен кестикти колуна берип Алатоону көздөй жолго сал. Атын Кара Чоро койгун. Демек, атаң Тагай бий деп дайындап жөнөткүн деди. Кара деген сөз карадан кан болот дегенге, чоро деген сөз кандын обозгери дегенге жатат. Ошон үчүн Кара Чоро деп наам алып жүрсүн. Агер кыз туусан өзүң билип атын коюп, чоңойгондо эрге бересиң деп келген эле. Мында Ырай, Азык экөөнө баягы ордо кыздан туулган Тагай бийдин уулу Кара Чоронун кошулушу менен үч бала Тагай бийди тапты.

Тагай бийдин илгери ак үйлүүлүктөн кайткандагы катынына айткан керээзи боюнча эркек тууп, баласынын атын Кара Чоро деп атап койду, эсен-аман эр жетип, он үч жашка чыккан соң энеси Ырай менен Азыкка кошуп, атасы Тагай бийге жөнөттү. Үч бала Тагай бийдин үлүш берип жаткан кезинде келип жолукту. Анда Тагай бий:

  • Кайдан келген балдарымсыңар?-деди. Ырай айтты:
  • Мен түбүм саяк, Байыш баатырдын уулумун. Энем Маниса-айым эрге тийип, мен ага таарынып чыктым,– деди. Азык айтты:
  • Мен Домо кандын уулумун. Атамды өзүбектер өлтүрүп, сууга салды. Ошону үчүн качып чыктым (азык-түлүгүм менен) деди. Кара Чоро өзүнүн дайынын айтып, энеси берген белеги кетечи менен кестикти Тагай бийдин алдына таштады. Тагай бий кубанып: – Баарың тең өзүмдүн балам экенсиңер, сенин атың Саяк болсун деп Ырайдын түпкү уругун жойбостон саяк наамын берди. Азык-түлүк көтөргөн Домо кандын уулун атың Азык болсун деп ага наам берди. Кара Чорону – Кара Чором деп өз атагын койду. Бул балдарга өзүнүн балдарындай кылып энчи берди.

Тагай бийдин Богорстон, Койлон, Кылжыр жана Муңмуш деген төрт уулум бар, эми Саяк, Азык, Кара Чоро жети балам болдуңар, экини бирдей тегиз кылып, бир тууган болуп оокат кылыңар деп жети баласынын дөөлөтүндө Тагай бий жата берди.

Эми Кара Чоро уруктары: жалпы Багыш, Жангорозбуз деп (түштүк), Анжиян, Наманген жана Талас өрөөндөрүндө орун алып калышты, экинчиден энеси ордо кыздан болгон үчүн (тагаларына) таякелерине жер жабыш болду.

Саяк уруулары: Саяктан Каба, Сары – эки уул.

Кабадан Кайдуулат, Байболот, экинчи катындан – Шыкмамат, үчүнчү катындан Кутунай, Бегат. Жана бир катындан Качканак. Качканактан төрт уул: Түнкатар, Түнтөй, Актери,  Бозтери… Кутунай, Бегаттан эки урук эл (Кетмен-Төбөдө). Шыкмаматтан шыкмамат уругу көлдүн күңгөйүндө (Ысык-Көлдө). Бул Шыкмамат деген сөздө бир аз маани бар. Каба баатыр өзү желкесинде тутам келе турган жалы бар имиш, кыр аркадан куймулчакка чейин. Ошон үчүн жалдуу Каба ыйык даражада тутуп жүрүүсү аркасында өзбек ичиндеги шайык тукуму бир кыз берген. Андан  туулган баланын атын Шайык Мухаммет деп койгон үчүн, кыргыздын чоркок тили боюнча Шайыкты жана Мухамметти таштап коюп эле Шыкмамат деп гана коюшту. Кайдуулаттан: Төрө Бердибек, Алакөз – эки уул. Алакөздөн Алакөз уруктары Ысык-Көлдө, Кетмен-Төбөдө турушат.

Төрө Бердибектен эки уул: Кулантай, Култай. Култайдан Бөкө, Белек – эки уул.

Баатыр Байболоттон: Айдаке, Асаке, Күрөң, Молой – төрт уул. Булар кунан чабыш тамашасында чыр чыгып, Молондун кунаны чыгып келсе, Асаке байгесин бербей койсо калыстыкка Кайдуулатка барышат. Кайдуулат айтат: баарыңдын тамгаңар бир – саяк тамга белги менен келдиңер, чыры жок оокат кылгыла десе, Асаке барып тамгасын жогор жагынан чегип, мен тамгалаш болбоймун деп тамгасын бөлөк белгилеген үчүн Асакенин тукуму өйдө чекти болуп калды.

Асаке өзү Анжыяндын чыгыш жагында туруктап жүрүп өлдү. Ошон үчүн кыштактын аты Асаке болуп калды.

Сарынын уруктары: Атакара, Ботокара – эки уул. Атакарадан өзүнүн наамын алып, өзбектен катын алуу аркасында (испаскен) Өзбекстандын ичин жердеп туруп калышты.

Ботокаранын тукуму Тезек уругу. Бул Тезектин аты башка эле. Ат чабыш болгондо күлүк аты байгеден калып, (эң артына) калган үчүн – сенин атың тезек терип калды дечүү аркасында Тезек атанып калды. Тезектин бир топ уруктарынан кийин атактуусу Бөкө, Тобук. Булардын уруктары Тогуз-Тородо жерлейт. Жана Ботокара наамын ээлеп Өзбекстанда аралашып калды. (Ботокарада) булардын ата-ата уруктарына бөлүнүшүп таратууга мүмкүндүк болбоду. Себеби жердин алыстыгы, биричи жагынан болсо, экинчи жагынан Өзбекстан менен аралаш болгон үчүн өзбек биздерге тил жагынан да өзбекке ооп, өзүнүн кыргыз экенин (жаки саяк экенин) билдирүүчүлөр жок болсо керек.

Байыш баатырдын Маниса-айым деген аялын өзүнүн иниси Карек алып, андан төрт уул туулат. Алар: Молдосыдык, Ыбрайым, Жусуп, Молдошакир, Молдосыдыктан жана Ыбырайымдан беш бала болуп, алар сырттагы агасы Ырай баатырды (саякты) бет алып келе жатып Чымкент, Талас жакта (Түлкү башы) Бештерек деген жерди турактап калышты. Демек, өздөрү беш бала болуп келүү аркасында турган жерлери Бештерек деген наам аталып калды. Же болбосо Кыз бөрк деген казактын уруусунун ичинде турушат.

Молдо Жусуптун тукуму Жетиген. Бул Жетиген Таластагы Кушчу-Саруунун ичинде токтоп калган уругу Жетиген аталып, Кушчу менен бир тууганбыз деген антта туруп «Сол» наамына кошулушуп калды. Айрыкча Кушчунун чоң уругу Төбөй, Сабай дегендер менен энчилеш болушту.

Молдошакирдин өзү өңү сары, көзү көк киши болгон үчүн экинчи жактан молдо болгондуктан Шакир атын Чекир молдо деп белгилешти. Бул Молдо Чекир энелеш агасы Ырай баатырды издеп жана Ырай баатыр дагы издеп, бир-бирин Сырдарыядан табышат. Ал жерде Ырай баатыр жалаң, отоо жортуучулап жүргөндө кез болушат. Кайта үйүнө алып келип (Жалал-Абад областында, Арстанбап, Чарбак жана Азирети Айыпта турук алган жерине) энчи бөлүп берди. Чекир Молдодон Куртка, Түгөл – эки уул. Курткадан үч уул. Курткадан үч уул болгон үчүн Үч Куртка атак алып калышты. Бири – Кудайберди, бири Аккабак жана бири – Ыман. Булар жер бөлүштө (Тяншанга келип) Соң-Көлдөн Нарын өрөөнүнө (Ак-Талаага) түшкөн ашуунун өндүрүндө (күнчыгыш, күнбатыш жана ортолук өндүрдө) жерлеп туруу менен жердин атагы да үч Куртка делип калынды. (Кудайберди, Аккабак, Ыман үчөөнүн наамына.)

Эми Кудайбердиден Кулчугач, Чоро – эки уул. Кулугачтан (Күрүчбек деген байбичесинен): Караболот, Шаболот, Койуке, Жолуке – төрт уул. Булар эне атагын алышып, Күрүчбекпиз деп Суусамырда турук алышты. Супкуна деген катындан Итемген, Сүтемген деп эки уул. Итемгенден: Түлкү, Мурат. Түлкүдөн: Качыке, Кедей, Ажыбек, Шайыбек – төрт уул. Эми Түлкү баатырдын бир аз аңгемесине токтололу.

Болот бий кадимки Санчы сынчыны чакырып алып, мага катын алып бер дегени боюнча Талаке таркылдакты сынап алып бергени Түлкү баатырдын эсинде жана Санчы сынчыга таарынып, бир жагынан кыйыктамак болуп Санчыны чакырат. Демек Санчы сынчы өзү саяк болгон үчүн Сарбагыш Эр Болот бийге мыкты тукум түшчү катын сынап бересиң, мага неге сынап катын алып бербейсиң, – деди Түлкү баатыр. Санчы сынчы Түлкү баатырдын сөзүн кабыл алып, эмесе мени ээрчи,– деп Түлкү баатырды ээрчитип алып жөнөшөт. Жумгал тоосунан ашып, белге чыкканда (Чаамыңды) Тогузторону көрүп туруп: «Алтын чөйчөк деген жер экен кандай да болсо ушу жерден табууга болот»,– деп күдүңдөп Тогузторого түшүп  барышты. Бир айылга (жатакчынын айылы) токтолуп, эл-жер сурамакка жана суусун ичүүгө кайрылышты. Айылдын четирээк жагына келгенде күн жааган болуп ыкчамдап бастырууну ойлоп калышты. Ошол арада бир топ кыз тезек көтөрүп жана бир колтуктан куурайлары менен жаанда үйлөрүнө карай чуркап калышкан учурларда музоолору энелери менен жамырап аралашып калды. Бөлөк кыздар көтөргөн куурай, тезектерин таштап, музоолоруна чуркашып, карбаластаган бойдон эки анжы болушту. Ичинде бир 12–13 жаштагы кыз бала музоосун кармап, куурайын кабынын алдына коюп өзү отуруп калды. Санчы сынчы баягы кызга бурулуп, айылдын кимдики экенин суроо менен бирге кыздын музоо кармап отуруп калышынан собол сурады. Кыз айтты:

  • Менин үч олжом бар. Тиги кыздардын үч зыяны бар, акелер,– деди.

Менин үч олжом: бир – отунум кургак, экинчи өзүм каптын паанасында олтуруп кийимим кургак, үчүнчү – музоом эмбейт. Тиги кыздар үйлөрүнө барганча кийимдери суу, экинчиден – музоолору эмди, ошону менен катар үйлөрүнө барганда энелеринен таяк жейт, – деди.

Санчы сынчы сурады:

  • Балам, атаң кандай киши? – деп.
  • Кыз айтат:
  • Атам баатыр киши. Үйүбүзгө барар болсоңуз, айыл-дын нарыраак чет жагында жөлөлүү турган кырк найзасы бар,– деди.

Ошону менен Санчы сынчы Түлкү баатыр экөө жүрүп кетти да Түлкү баатырга айтты:

  • Издегеним табылды. Ургачынын сөөк сырттаны, бөрү жатын, алтын согончок деген ушу кыз болот. Байкасаң, жатканыңда эки колу тизелерине билегинче ашып калат,– деди. – Муну алсаң эч нерседсн коркпогон, эки жакка жортпогон, көзү чаар, өңү заар көкжал туулат. Бул экөөнүн тукуму, мурунку экөөнүн тукумуна букара болот. Жергеси көбөйүп бир өзөнгө ээ болот,– деди. Түлкү баатыр сүйүнүп:
  • Баракелди, сынчым. Болот бийге караганда мага сынап алып берүүчүң дурус, жаш кыз болмок болду. Болот бийге көптөн-көчтөн калган алда кимдин жесири Таалаке таркылдакты алып бердиң эле, мага энеси өппөгөн кыз тандап бердиң. Эми жүр, сынчым, ошол кыздын атасына баралы. Жаан ичибизге өтүп кетпесин,– деп катуулап жүрүп жөнөп калышты. Айылга келип, кыздын айтуу боюнча атасы баатыр эмес беле дешип, кырк найза жөлөнүү үйдү таппады. Айылдын четирээк жагында бир кара алачык бар. Түндүгү жок, ууктардын башы бири-бирине жөлөнүшүп калган. Санчы сынчы парасат менен ойлоду да күлүп:
  • Жүрү, Түлкү баатыр, тетиги кырк найза үйгө түшөлү, кыздын үйү ошо болсо керек,– деп келип түшүп калышты.

Ата-энеси картайып калган адамдар экен, жана абдан бечара, кедей экени үй турмушунан көрүнүп калды. Жол болсун сурашып бир азга Түлкү баатырдын ким экендигин таанышып олтурган учурда алиги кыз кирип келди. Күндүн жааны ачылып, кечке маал короого мал келди. Кыздын атасы эрдин атын алыстан ук деп Түлкү баатырдын сыртынан кабарын угуп жүрсө да өзүн көрө элек кембагал алда канча сүйүнүп, жетине албай кызырбайгамбар түнөгөнсүп, экинчи жактан толгон айылдын арасынан мага конуп калды деп бир канчалык көтөрүлүп, бар тамагын алдына кармап, жалгыз эчкисинин улагын союп, конок кылып күткөн экен. Эртеси болгондо Санчы сынчы абышка-кемпирге жуучу түшүп, кызын Түлкү баатырга алып берүү жөнүндө сөз кылса абышка-кемпир бир кыйлага ынанбай, «кантип менин кызымды алмак эле, толгон-токой эл турса, дөөдөй, шаадай адамдардын кызын албай, кантип менин кызымды алсын» – дешип, акырында сөз чындыгына кеткенине ишенишип, ичикойнуна батпай сүйүнүп калышты.

Түлкү баатырга кызды бермек болдук десе, кызы көңүлдөнбөй, чана баштады: «Мени ата-энем бир ууруга берем дейт. Ат минип, жарак алып жортуулга чыгып, жол тосуп өткөн-кеткенди карактап алган кишинин аты баатыр имиш. Силер баатыр десеңер мен андайды ууру деймин»,– деп таптакыр кыз ататпай койду.

Бул кызынын сырын ата-энеси Түлкү баатырга билдирбей жашырып, ичинен атасы капа болуп, энеси оймок боочун салып, «туубай туна чөгөйүн, карабет, жашабай жатып эр чанганды ким койду? Айрыкча Түлкү баатырдын олтурган ордунан айлан. Кудайдын берип турганын кайра тээп жатканын көрбөйсүңбү. Эми Түлкү баатыр угуп калып шерменде болбогой элем» – деп кыпылдагандын үстүндө болушту. Ал жерден Түлкү баатыр кызды гана алып кетүүнү ойлогон менен, негизинен кыз өтө жаш болгон үчүн ата-энеси менен көчүрүп алып, Кабак жолу аркылуу Жумгалды карай бет алды. Ал кезде Жумгалдын өндүрү жана Туурасуу бойлору калың токой, көпчүлүк жерлери ээн болуучу экен. Көч Ортокууганды токоюна келгенде жол боюнда бир кара чаар жолборс марап жатып алып, көчтү өткөрбөй, жаки жырткычтык түрү боюнча көчкө катылмак болуп, күркүрөп айбаттана баштады. Түлкү баатыр Санчы сынчы менен көч артында эле. Көч артындагы кемпир (кыздын энеси) токтолуп, артындагы Түлкү баатырга жолборстун маарап жатканын кабар кылды. Токтобостон  чаап келип Түлкү  баатыр аттан учуп түшүп, белиндеги кылычын сууруп келип, жазганбастан жолборстун маңдайынан жара чаап таштады. Түлкү баатыр атына минип, Санчы сынчыга карап, «Союп алыңар» – деп бастырып кете берди. Кемпир кызына ачуусу келип: «Ушул өңдүү кишини чанып, тийбеймин  дейсиң, карабет» – деп аты менен кайрылып туруп, колундагы сабоо менен кызды чаап-чаап жиберди дейт. Ошону менен ата журту болгон Жумгалга келип, чоң той берип, Түлкү баатыр кызды алган экен.

Андан Ажыбек, Шайыбек, Качыке, Кедей – төрт уул. Булардын тукумдары өз аталарынын наамын айтышып урууларга  бөлүнөт. Мисалы: Ажыбек  уулу, Шайыбек уулу, Качыке уулу, Кедей уулу дешип…

Санчы сынчынын айтканындай Түлкү баатырдын төрт уулунун экөөнө экөө букара болгон. Демек, Качыке эчтекеден коркпогон, эки жакка жортпогон киши болгон имиш. Ач арстаны Кедей. Бул экөө заманында баатырдык наам алган мыкты болуп, Ажыбек, Шайыбектин тукумдары букара болуп келишти.

Качыкеден, улуу катындан – Абайылда, Абайылдадан Черикчи. Черикчиден Дыйканбай. Кичи катындан Эраалы баатыр, андан Түлөөкө баатырбашы жана Кангелди.

Кедейден Илепес, Илепестен Тооке, Шааке ж. б. (…) Кудайбердиден Кулжыгач, Чоро – эки уул деген элек. Кулжыгач (Кулчугач) уругунун белгилүү тукумдарын айтып өттүк. Эми Чоро уруктарына келели. Чородон Марка, Баарчык – эки уул. Маркадан Алдаберди, Калча – эки уул. Булардан тараган тукумдарын Чычкак деп аташат. (Себеби Калча Анжиянга күйөөлөп барып, жаңгакты көп жеп алып, колуктусунун койнуна чычкан имиш. Ошондуктан чычкак болуп аталып калды. Ага кошулуп таза болсо да Алдабердинин тукуму да чычкак наамда.)

Баарчыктан Карга, Тоймат, Жорукту, Кубуш – төрт уул.

Каргадан Ырайым, Кумар – эки уул туулат. Бул Ырайым, Кумардын уруктарын Чоңчарык атайт. Демек Карга баатыр абдан чоң киши болуу аркасында. Күндүз чечинип уктап калган учурунда бир улак көгөнгө байлаар маалда жок болуп, таба албай коюшат. Бир маалда Карга баатыр чечип койгон мөкүсүнүн (булгаары чокой) ичине кирип, жоголду деген улак жатып алган экен, ошондуктан Чоң чарык Карга деп жүрүшүп, тукуму Чоң чарык уругу болуп калды.

Ырайымдан сегиз уул. Булардын таралышы экинчиде жиберилет.

Кумардын уруктары да экинчиде жиберилет.

Тойматтан (улуу катындан) Жанболот, Чымынтай – эки уул. Коңур деген катынынан Жанбала, Чайыш, Сарткозу – үч уул. Жанбала дегенинин себеби – Тоймат бий моңолдор жесиринен бир катын алса анда болор-болбос боюнда бар деген күмөн бар имиш. Эркек бала тууду деп угуп моңолдорлор доо кылып келсе жан берип, бала өзүбүздүкү деп ишендирип, бербей койгон экен. Ошон үчүн Жанбала уулу болуп атак алышты.

Бирок энесинин аты Коңур болгон үчүн Коңур эненин балдары деп жүрүшүп, көбүрөөк атактуу айтылган уруусу Коңур уулу болуп калды. Ичинен Жанбала уулу, Коңур уулу дешип экиге бөлүнөт.

Чайыштан  Жармат, андан Үмөт, Мамбет, Нузуп. Булар да жогорку Коңур уулу атагында.

Сарткозудан Кабылбай, Кабылбайдан Шоорук, Абдыраман эки уул. Булар да Коңур уулу наамда.

Тоймат бийдин улуу катынынан Жанболот, Чымынтай деген элек. Жанболоттун маселесине токтололу. Тоймат бийдин байбичеси (Жанболот, Чымынтайдын энеси) өлүп калып жетим болгон соң Коңур эненин колунда калат. Коңур эне, албетте, өз балдарындай көрбөстөн, Чымынтайга чыңыртып соку жанчтырат, Жанболотту жаштайынан жылкыга салып, көп азар көрсөтөт. Анда Тоймат бий айтат: «Койсоңчу, Коңур, Жанболоттун көзүнүн оту бар, көп азар бербе, жакшы бак» – деп. Тоймат бийдин тилин албастан, ар дайым жабыр көрсөтүп жүрүү аркасында бир күнү Жанболот укурук менен Коңур энени жыга чаап таштап (катуу жаралантып) качып, Арстанбап, Чарбакка кайдуулат Токтоназар баатырга барат. (Мурун Көгартты жердеп турчу экен). Ошону менен Жанболот ар дайым уурулукка Токтоназар экөө аттанышчу болгон. Ошентип жүрүп жанындагы бир жолдошу (Токтомуш деген) сууга агып кетип эси ооганда кармап алып, оозунан суу кусканда Токтоназар мындай деп ырдайт:

Токтоназар, Токтомуш болсок,

Тойматтын уулу Жанболот болсок, Алайдын тоосун кыдырсак, Сырдын суусун шимирсек.

Адигиненин белен боз

Айдап келип сиңирсек, –деп ырдап Алайды көздөй жөнөп кетишти. Бара жатышса алдынан бир жөө киши учурап (Кызыр имиш), эки нан берип туруп айткан экен:

– Мындан нары уурулук нээтти коюңар. Жолуңардан сегиз карагер байтал учурайт, бир айгыр быштысы менен тогуз. Айгырынын оң кулагында сыргасы бар. Ошону айдап кеткиле – тукум болот. Мындан нары ууру кылбагыла,– деп кете берди.

Токтоназарга берген нанын жеп алыптыр. Жанболот чекесинен бир тиштеп, кайра койнуна катса, тиштеген жери бүтүп калыптыр имиш. Ошон үчүн Жанболотко бак-таалай конду деп, ким болсо да табынып, багынып калган дейт.

Баягы жөө кишинин айтканы чын болуп, тогуз жылкы табылып, андан кийин ууру кылышпайт. Чын эле бышты айгырдын оң кулагы тилик сырга болгон үчүн, улам төлдөгөн жылкыларынын оң кулагына сырга салып жүрүүчү болгон. Эмдигиче ошол Жанболоттун тукумдары жылкыларына  сырга салышат. (Колдонуп калган). Жанболот сыргасы деп айтышат. Ошону менен Жанболот баатыр деген атакты алып, Арстанбап, Чарбак, Азирети Аюб жана Көгарт, Отузадырды жердеп, сырттан Суусамыр Жумгал, Кочкор, Нарын, Ак-Талаа (Куртка), Тогуз-Торо, Ат-Башы, Арпа жана Аксай жайлоолорунан өтүп алыскы Кашкар шаарына чейин жортуп, баатырлык кылган. Ошол убакта кытай падышасынын баласы саякат кылып, бир нече дүйнөсү менен Чатыр-Көлгө келип, сонундукка аңчылык кылып жатканда Жанболот баатыр угуп, биздин Ала-Тоо арасына келген, менден жоопсуз аңчылык кылган ким? Балким жер чардап теңчиликке келдиби? деп барып, үстүнөн басып карактап алып, кытай падышасынын баласын өлтүрүп, Чатыр-Көлдүн көлүнө салып, көп дүйнөсүн (беш жүз кундузун) алган экен. Ошонун залдарынан кытайдын көп колу издөө салып, Түп Бээжинден чыгышып, Тогуз-Тородо Жыртак Үңкүр деген жерден Жанболот баатырды бир уулу менен кармап кетип, Түп Бээжинге алып барып, мойнуна күндөө, зоолу салып, жети жылы зынданга салган. Жанболот баатыр колго түшүп кеткенден тартып  эч ким кабар ала албай, Түп Бээжинге жете албай эли жана калган бала-чака, туугандары кайгылуу абалда болушкан.

Бул арада Сарынын тукумунан деген алп (чоң) Тобок баатыр деген адам экен. Тобок баатыр Жанболотту издеп, Түп Бээжинге үч жылда жетип, амандык кабарын алып кайтат. Экинчи жолу дагы жөнөп (чындыгында көлүк ат, төө көтөрө албаган өтө зор адам болгон экен Тобок баатыр) Түп Бээжинге кетип бара жатып Ат-Башыдагы черик

Максүт бийге консо, бир чоң чара менен бир жупка жасатып алдына койгондо тамам-такыр жеп алып, чоң чараны бошотуп, Максүт бийге жылдырып туруп айткан экен:

– Сугунтайын десем эт эмес, сунайын десем кымыз эмес. Өзүң берген аталадан өзүңө бир алым, түбүнө бир алым калтырдым, Максүт бий, алып койгун,– деген экен. Бул сөзгө уялып Максүт бий тандамал ирик союп коноктоп, этин тамам-такыр алдына койгондо да бүт жеген дейт. Бир аз Тобок баатырдын дагы кээ бир кылыктарынан айта кетели. Талаадан мергенчилеп жүрүп бугу, марал атып алса,  үйдөгү бала-чака  утуру карап үмүт кылат деп, кисесине бир кесим эт, же боор салып коюп, бөлөктөрүн бүт кактап жеп, терисин белине салып келчү экен. Агер эчки-теке атса бүт эле жеп алып, терисин ийлеп, белине кыстарып келчү дейт.

Мына ошол өңдүү кенже алп Тобок баатыр дагы жөө жүрүп олтуруп, үч жыл дегенде Түп Бээжинге жетип, кытайдын улугуна  (бадышасына) арыз кылган имиш. Албетте, кытай эли Тобок баатырдын өтө эле чоңдугуна жана келбети ноолугуна таңданып күн мурун эле бадышага кабарлап калган болуу керек. Кытай бадышасы: «Кайдан келдиң, эмне арызың бар?» – деп сураса Тобок баатыр, албетте, Жанболотко келгенин айткан соң:  «Жанболотту таанысаң чыгарып беребиз» – деп, бүт зындандагы күнөөкөрлөрдү короого чыгарып: – «Кишиңди тааны» дегенде эч кандай таанылбайт. Себеби бардык күнөкөрлөр какачтанып, чач-кирпиги, сакал-муруту өсүп ийиндерин жаап жана тырмактары ороктой болуп өсүп абдан, бит торгойдой, кийим жыртык, кир, самсаалаган айбаалы түрүндө болгон имиш. Алардын ичинен Жанболотту айра тааный албай жана моюндарына салынган күндө  (тактай темир зоолу). Кантер айла табалбай туруп,  «Жанболот, барсыңбы?!» – деп кыйкырганда Тобок акемдин үнү экен деп: «Бармын, Тобок аке!» деген экен. Ошондо Тобок баатыр: «Тигине, Жанболот!» деп тааныган имиш. Анан кийин кытай бадышасы бир чоң, казыналыкка (баашалык) бактырылган бир чоң балбанын алдырып келип, «ушуга туруштук бер, эки жолу тебет, чөк түшүп олтуруп бергин, агер жыгылып калсаң – мөрөй биздики, Жанболот чыкпайт зындандан. Жыгылбай калсаң чыгарып беребиз»деген экен, Тобок баатыр макул деп чөк түшүп олтуруп берген соң кытайдын чоң балбаны ыраактан качырып келип төшкө тепкенде кытай балбан өзү ыргып кетти дейт. Экинчи, арка жагынан чуркап келип далы ортого тепкенде дагы чалкасынан жыгылды дейт. «Тобок баатыр адамдын зору экен, алпы экен. Эки тепкенге туруштук берип жыгылган жок, эми бошотуп берели издеген кишисин» – дешип, Жанболот баатырды уулу менен бошотуп берет. Жана Тобок баатырдын даңкы үчүн эки качыр берип, кытай бадышасы узатат экен.

Жолдо келе жатып Жанболоттун уулу түрмөнүн салдарынан кеселдеп өлөт экен. Тобок баатыр душман жерине сөөгүмдү таштабайм деп, өлүктүн этин шылып көөмп таштап, сөөктөрүн чогултуп шаң матага ороп, таштабай, көмбөй алып келип Анжыяндагы Арстанбапка коёт экен.

Мына ушундай окуяларды баштан өткөргөн Жанболот баатыр үч катын алат. Иниси Чымынтай бели бош киши болуп, бир арыкты жеке ээлетип коюп жата берди. Чымынтайдан Чымынтай уулу деген урук Куртканын Кыдыркоргон деген жеринде турушат.

Жанболот баатырдын саруудан алган байбичесинен Кожоберди, Байбагыш, Ырыскул – үч уул туулат. Кожобердиден Эркебулан. Анын тукумдары Кожоберди уулу аталып калды. Бул Кожоберди өзү абдан кайраттуу, кара мүртөз, сүрдүү баатыр болгон экен. Жазыксыз кишилерди атып өлтүрүү (бута ордуна), мууздап союу иштери бала оюнундай адат болгон. Ошондуктан көп адамдардын айтууна караганда, жазыксыз адамдарды көп өлтүргөн үчүн каргыш тийип, тукуму өспөй калды дешет. Барлык түтүнү – он, он беш гана түтүн Ак-Талаа району, Коңорчок деген жерди жердешет.

Байбагыштан Асан, Ыстам, Кыдык, Сыдык, Кубат, Манап, Кудайменде, Кудайкул, Мамбет дегендер туулат. Булардын уруктары өз-өз аталарынын ураанын айтуу менен белгиленет. Мындайча айтканда Кубат деген уулунан Келдибек деген кыйын чыгуу менен жалпы жонунан Келдибек уулу дешип коёт.

Ырыскул бийден Атантай, Тайлак деген эки уулу болуп, мурунку Кокон кандыгынын убагында көп баатырлык кылуу менен Кокон кандарынын эзүүчүлүк сурагынан сырттагы кыргыз элин куткарып, сурак бербөө аракети менен бир нече жолу куралдуу күрөш уюштуруу же болбосо кандын куралдуу аскерлерин жеңип, аскер башчы Арап дегенин алган. Өлтүргөн Тайлак баатыр болуп эсептелет. Жана Тайлак баатыр кытайдын басып алуучу куралдуу аскерлерин жеңип, Кашкар шаарын кыргыз кол алдына караткан эл баатырларынын көрүнүктүүсү.

Бул Тайлактын уруулары Тогуз-Торо, Ак-Талаа райондорунда Тайлак уулу жана Атантай уулу деп аташат. Рыскул бийдин бир катынынан беш бала болгон үчүн беш уул уругу деп аташат. Булар Тогуз-Тородо жердеп турушат.

Жанболот баатырдын бир катынынан Ырысменде,

Ырысмендеден Алдаяр, Сүйүнбай, Эсиркеп – үч уул. Сүйүнбайдан Сүйүнбай уулу, Алдаярдан Алдаяр уулу деген наамда аталышат. Бул уруктар Ак-Талаа районунда турушат.

Жанболот баатырдын казак катыны (Алтын байбиче дегенден) Дербишалы, Эраалы, Бегалы – үч уул.

Дербишалыдан Сарбай, Таштанбай – эки уул. Буларды энеси казак кызы болгону үчүн казак катындын балдары же болбосо казак айгыр дешип уруктарын бөлүшөт.

Эраалыдан: Айчочон, Карабай, Баатай, Абыласан, Борош – беш уул. Булардын майда уруктары өз-өз аталарынын наамын ич ара айтышса да чоңураак, мыкты чыкканынын наамын айтышып эле, мындайча айтканда Баатай уулу деп гана белгилешет. Демек, Баатай мыкты жана бий, бай болуп, анын уулу Касымбек деген өтө залим, эл жегич манап болгон үчүн анын үстөмдүгүнө кошоматталган.

Эраалынын бир катынына Жаныбек, Тыныбек – эки уул жана бир катынынан – Сопу, Токтомамбет дегендер туулат. Булар да Баатай уулу дешет.

Башкы Чородон Марка, Барчык деген элек. Мындан тукумдары ажыратыла элек, Марка эле. Бул Маркадан Буура деген жана Тогуз уул деген уруулар тарайт. Буура деп калуусу бир түрлүү жаманаттыга учурагандыктан… болгон иш. Мунун уруусун Бууралар дешет.

Эми Тогуз уул дегени тогуз бир тууган болгондуктан Тогуз уул аталып калышты. Демек, эң кичүүсүн кийин эр жетип чоңойгондо:

Тогуз уул топурак,

Тон жетпеген ак улак, – деп ырдаган экен.

Ошол эң кенжеси Акулак дегенинен Алике, андан Атакозу туулат. Бул Тогуз уулдун тукумдары арбын түтүн болуп Акталаа районунда турат («Үгүт» колхозу).

Марка, Барчыктар менен бир тууган Жорукту, Кутуш деген элек. Жоруктудан Бозтумак. Бул Бозтумак болгон себеби: жайдыр-кыштыр казак порумунда боз көрпөдөн тумак кийүүчү экен. Ошону үчүн Бозтумак аталып Куртка боюнда бир уруу болуп турушат.

Кутуштан сокучу деген уруу тарайт. Сокучу дегени – ар дайым эле соку жасаган чебер уста киши экен. Ошону үчүн сокучу деп жүрүшүп, тукумдары сокучу аталып калды (Куртка боюнда). Ушуну менен Чоро дегендин уруктары негизинен бүтөт.

(Айткан Тоголок Молдо, жазган Чоробаев)

Чоро менен бугунун чатакташкан араздыгы

Ормондун түрүүсүндө Чоро Тайлак баатырдын уулу Осмон датка кудалашып таттуу болгон. Бирок, Осмон датканы тоготпостон, келин алганы барганда жайлата жооп бербестен жата берген дейт. Же келинин берем деп айтпай, же бербеймин деп айтпай кудалап келген кудасы Осмон датканы, жанындагы Тайлак баатырдын кадимки Кара Бөбөтой баатыры менен жаткырып койгон дейт. Ормондун кызын Осмондун Ботакан деген уулу алмакчы. Бул ортодо бир күнү казактан жана бугудан түн ичинде жортуулчу (талап алуучулар) келип, Ормондун айылынын жанындагы бардык жылкыларын чаап, тийип алып кетишет. Артынан Ормондун куугунчулары жылкы айрып калуу үчүн арбын жасоо менен барса да алдары жетпей жана минген аттарынан да ажырап, сайдыртып жеңилишкен учурунда Осмон датка, Бөбөтой баатыр жана кудалап жатуучулар аттанышып, найза, куралдары менен жоонун артына түшүп: «Жекеге!» – деп чакырышканда казак жана бугулардын жекеге аттанган баатырларынан Бөбөтой баатыр, Осмон даткалар ыргыта саюу менен жеңип алып, Ормондун жылкыларын бүт ажыратып жана андан тышкары алтымыш ат түшүрүп олжо алышкан экен. Ошондон түшкөн атты Ормон баатырга калың, үчүн деп эшигинин алдына керме тарттырып, байлатып койгон дейт жана Ормондун жылкысын ажыратып берүү менен, эки-бир атактуу жоонун кишилерин колго түшүрүү менен Осмон датка сүйгүнчүктүү куда болуп, «эми коюңду соё бер, келиниңди алгын»,– деп Ормон баатырдан жооп болгон дейт.

Осмон датка турсунбу, келген элдин аттарын ээр токумун шылып ташташып эле сойдура бергенде Ормонго келген элдер аттарынан айрылгандыгын айтып арызданышса Ормон жооп берген имиш:

  • Осмон датка Чородон жылкы айдап келиппи жана кой деген тилди алабы? Өз билгенин кылат! – деп койгон дейт.

Ошону менен Ормон кызын жайып жатып көп дүнүйө менен берип чоро Осмон, же болбосо чоронун чоңдоруна татуулук менен турушкан дейт. Мына ошонун натыйжасында Ормондун уулу Үмөтаалы Чаргын Арпанын бетине жайлап, чоро Келдибек, Баатай, Осмон даткалар менен бирдикте, ынтымакташып турушат. Бир күнү Үмөтаалыдан акыл чыгат: «Акыры бугудан кегим кетпейт (Ормондун куну). Ошон үчүн бугуну чаап алалы деп азгырганда Келдибек, Баатай, Осмон даткалар макул дешип, Арпанын бетине жайлаган бугунун бир топ айлын чаап, жылкыларын, койлорун талап алышат. Ал малдардын көбүн Үмөтаалы олжолоп, ошондон тартып түндөп козголуп жапырт Кочкорду карай көчүшөт. Себеби, бугунун айлы жайлоосу эң эле көп, Арпанын ар бир жерлеринде, жаки Көл башынан бери көп жыйылышып келишип, Ат-Башы өрөөнүндө, Нарындын өрөөнүндө турушкан.

Ошондой Үмөтаалынын азгыруусу боюнча бугунун бир айлы бүлүнүп, чабылып калган үчүн кектүү болушат да эки миң кол менен бугунун Көл башынан берки мыктылары кыштын кыраан чилдесинде Арпадагы Келдибек, Баатайдын айлына жөнөшөт. Бул эки миң колго жетекчи болуп бугуларды уюштурган «Кырк жигит» Бектен деген (сарбаш уруусунан). Муруңку убакта саяк, чоро Кочкорду жердеп турганда калып калган саяктан Каралакөз деген баатыр бар. Каралакөз Бектенге жортормон жигит болгон экен. Кыш күнү күн кыска. Ат-Башы өзөнү менен күн батышты (Арпаны) бет алып эки миң кол айчык туулары менен келе берсин. Эмки сөз Каралакөздөн башталат.

Каралакөз буркандын талаасына чалгынга чыккан экен. «Кожогулдун сайы» дегенге келгенде Келдибектин көп жылкысына кез болот. Ал жерден бул кимдин жылкысы деп сурап, Келдибектики экенин билген соң, жылкычыга айткан экен:

  • Келдибекке дароо жетип, айтып кабар кыл. Боюн бекке урсун. Келүүчү келип калды дегин. Ким айтты десе, Көз айтты дегин,– деп, кайта жолго түшүп, аскер башчы Бектенге келди да Каралакөз көп колду баштап алып, өзү көргөн жолго салды.

Эми Келдибекке баягы жылкычыларынын берген кабары боюнча Келдибек, Баатай жасоосун айрып, жылкыларын Туюктун башын өрдөтүп, бардыгы алтымыш короо айыл экен, бир жерге чогултуп, камынып турушту. Андагы элдин там үйлөрү жок, барлыгы боз үй менен тоодо, мал кыштоолорунда жүрүшчү экен. «Көз айтты: боюн бекке урсун дейт»,– дегенде, түн ичинде уук чечип, бир туюктун башын өрдөгөндө, түндүктү тегеретип, көзүнө кар тыгылып калган соң уукту сайып үй тигери белгилүү. Бектендин баштап келген бугунун көп колу каптап келип Келдибектин айлына Тиккыянын түшөөнүндө түн ичинде жатып калды. Ал түнү Келдибектин уулу Ысырайыл жана Акымбек деген экөө жол кардап кайгуулда бастырып турушса, элдир-селдир кишилер көрүнүп кобураганда Акымбек үн салып, сен баланчасыңбы? – деп өзүбүздүн жолдоштордон, айылдардан экен деген ой менен чакыра калса, ал кишилер «Ооба!» дейт экен. Анда Акымбек: «Набейиң барбы»,– десе, «Бар»,– деп, «келе бери бастыр»,– деп чакырып алып, келе калары менен чапа тизгинден алып Акымбекти байлап салат. Тигилер бугунун жасоосу экен.

Ысырайыл качып, жердиктик кылып кутулуп кетет. Акымбек колго түшүп, таяк жеп байлалуу жата берип, кыйнаганда барлык сырын, айылдын, жердин ченин дайындап айтып берет. Эрте менен таң үрүл-бүрүл куланөөгү болгондо май сызгырып, ысык жарма кылып ичүүгө камынышып, тезек терип, от жагып, май сызгырганда байлалуу жаткан Акымбек бир кичирээк баладан «кичи» деп сызык сураганда бала тура калып Акымбектин оозуна бир сызыкты салып жиберет экен. Дароо эле элдер, же болбосо көрүп калган ырымчыл аксакалы баланы тилдеп: «Бербе, чунак калгыр!»,– деп барып Акымбектин оозунан сызыкты «Жутпа! Ташта!»,– деп камчы менен чапса болбой Акымбек жутуп жиберет экен. Ошондо ырымчыл карылары: «Кудай урду, ишибиз тескери кете бейм, адегенде душман ооз тийип калды, бала болбой жерге кир!» – дешип, баягы баланы тилдешип калышты дейт.

Ал жерден Акымбекти союп, туу камдайлы дешип, таңдын эре-сересинде, колу-бутун бириктире байлап жаткан учурда Келдибек, Баатайдын жасоосу каптап, карп-курп чыга келди. Бугунун колу шашып, Акымбекти өлтүрө албай, дароо эле аттарына минишип, жердин ачык жагына ыктай беришти, Акымбекке карабастан.

Эки жасоо беттешкенде: «Жекеге!» «Жекеге!» – деп чакырышканда бугунун бир баатырына Ысрайыл бет болуп чыгып, ыргыта сайган дейт. Экинчи жекеде Болот баатыр сайып түшүрөт. Аңгыча Ат-Башынын өрөөнүнө жогору качат. Каптап келаткан укмуштуу калың, кара туманды «Кырк жигит» Бектен көрөт. Караса, тумандын түрү өтө суук. Анткени тумандын арасынан айчык туунун сүрөтү көрүнгөн имиш. Ошол туман көздөгөн эмедей көп кол каптап кирип келгенде жана жекече чыккан баатырлары жыгылып калганда эле Бектен элдин туман аралабаган чет жагы менен качат. Ошону менен эч ким токтобостон, бугунун көп колу артка чегинип жапырт качканда артынан кууп-сайып, нечен жүздөгөн элдерди ат-тондорунан ажыратып, сайып алып олтуруп Кожогулдун сайынан (Масетилдин белинен) Чештөбөгө чейин сүрүп, Чоронун үстөмдүгү болгон дейт.

Албетте, мында көп букара элдердин, жүздөгөн азаматтардын кырылып өлгөндүгүн көрсөтөт. Демек, Келдибектин каракашка атынын тили жүгөндүн сүзмөсүнөн чыгып калып, тил үшүп түшүп калып өлгөн болсо, үстүндөгү кадимки Болот баатыр жеке гана далайды сайып жыгат. Баягы Каралакөз (Кара Ала Көз) Бектен качканда эле Чоро ураанын чакырып Келдибекке кирип кеткен дейт. Бугунун колго түшкөндөрүнө бир да ырайым кылбастан, кыштын кыраан чилдесинде жылаңачтап тоноп, үйлөрүнө жолобостон, талаада карга катып кырылган экен.

Болот баатыр өзү Адылдын, Бердибектин жээни, Мөөр деген тай эжесин алам деп, жигиттик жашка толуп, Мөөр да он бир-он экилерге келип калган чагы дейт. Демек, Мөөрдүн муруңку кайни көл башындагы бугулар болуп, ошол келген колдун ичинде экен. Ошон үчүн Келдибектин кара кашка атын минип, кылычын жалаң билегине илип, тыгы болот уңгулуу найзаны алып, Болот баатыр жаалданып аралап кирген дейт. Чындыгында Болоттун ою: ошол колдун ичиндеги Мөөрдүн күйөөсү, алуучу жак, же болбосо кайын атасы колго тийсе күм-жам кылып, биротоло Мөөрдүн башын ажыратып койсом деген максатта, бет алдына келген кишини тирүү койбой сайып өлтүрө берген дейт. Бирок, Мөөрдү алуучу жактардан ал зыяндын ичинде жок, аман кеткен окшойт дешет. Мына бул бугу менен чоронун биринчи чабыштары бүтөт.

Ормондун өлүмү

Ормон жайбаракат гана көчүп, көл боюнда бугулар менен жамаалаш жүрүүчү болгон. Бир күнү айылынан бир байтал аягы менен жоголуп кеткен болот. Бул байтал жөнүндө Ормон бугуларга улам-улам киши жибере берген дейт. Барган кишисине бугу: «Ишенчилик алгыла, болбосо, биз алганыбыз жок, бир байталды уурдап кантип алабыз»,– десе болбостон, Ормон дөөкүрсүнүп: «Менин жылкыман байтал жоголот деген эмине? Бугунун жеринде болсом, кантип өзүнчө жүрүп жоголсун!» – дейт да элчилердин ынандырганына ишенбестен элүү-алтымыштай киши менен Кудургунун талаасына барып Ормон жатып алат. Ошол жатып алган талаага да улам-улам элчилер байтал албагандыкка ынандырса болбостон, көгөргөндөн көгөрүп жата берет.

Муну менен бугулардын айласы кетип, чоңдоруна кабар кылышып, Ормондун чоңдугу өтүп кетти дешип, арбын эки жүздөй киши чогултуп, Ормон жаткан жерге жакын келишет. Бул элдин ичинде кадимки Алыбек баатыр бар. Бугулар Алыбек баатырга Ормондун догурунуп жатып алгандыгы жөнүндө акыл сураса, Алыбек айтат:

– Мен Кудургунун жонуна чыгып кароол карайын. Артында (далдаада) көрүнбөй жаткан арбын колу болсо кайра түшүп келем. Агер колу жок болсо кара келте менен атайын. Силер кара келтенин үнү чыкканда каптап киргиле да тегеректеп калгыла. Ошондо качат. Агер качпаса, Ормонду колго түшүрүп, ызалап кайтарып жибергиле, мындан ары мизи кайтарылып калар,– деди да Алыбек баатыр Кудургунун жонуна чыгып барып кароол караса Ормондун арт жагында эч бир караан жок. Алыбек ошол жерден кара келте деген мылтыгы менен Ормондор отурган жерге байлай атып жиберди.

Кара келтенин жайы

Кара Чадаа уста деген бир жай согуп жасаган экен. Ичинен бургу салып, жарымына чейин буруп келгенде кеч кирип кетип бургуну ичине койгон бойдон, керегеге тигинен жөлөп койсо, ошо түнү ырдагансып, зыңылдаган өңдүү үн чыгат деген экен. Эртең менен туруп караса, баягы жарымына келип токтогон бургу түбүнө чейин барып кулагынан кан чыгып калган имиш. Чадаа уста кундактап алып, тартуу кылганы Ормонго алып барып берген экен: «Баатыр, ушу мынтык нышаналуу мынтык болуп калды, сизге алып келдим»,– дел тартуу кылган дейт.

Алыбек баатыр башында Ормондо аз айлы менен эл болуп турган учуру дешет. Чадаа уста Ормондун алдына кара келтени койгондо Алыбек баатыр кармай олтуруп, үйдөн чыгарында алып кеткен дейт. Ормон үндөбөй отура берген болот. Кийин Ормон менен Алыбектин араздыгы мындай…

Кара келтени Алыбек алгандан тартып өмүрү колунан түшүрбөй, отурса да, өз үйүндө болсо да керегеге илбестен, кармап отуруучу экен. Жана жатканда да жанына койчу экен.

Бир күнү Ормон айтыптыр:

  • Ой, Алыбек! Кара келтенин көтү да чиригендей болду, эми берсеңчи,– дегенде, Алыбек айтат:
  • Оой, Ормон! Кусупалдынын көтү чиригендей болду, берсеңчи! – деп, эшикке чыгып кетип, ошо бойдон Алыбек көчүп, бугуга жамынып кеткен дейт.

Демек, Кусупалдыны казактын чабуулунда Алыбек баатыр алып келип Ормонго берген имиш. Ошондуктан Алыбектин жообу жогоркудай.

Ал эми баягы Кудургунун жонунан Алыбектин аткан мынтыгынын үнү боюнча баягы Алыбектин эки жүздөй кишилери ат коюп тегеректей баштады. Кара келтенин огу зыр-зыр деп, кулакка угула келип, Ормондун жанына түштү дейт. Ормон окту жерден алып карап:

  • Бу кудай урган Алыбек кулдун кара келтесинин огу экен го, күндүн жааны кичине басыла калса чындакем ойнойлучу – деп, азга өткүн жаап турган чагы эле дейт. Ормон окту кармап отура берди. Аңгыча кара келтенин огунун үнү боюнча эки жүздөй киши тегеректеп кирип келгенде жабыла аттанышып, бир тобу кача баштады. Ормон тоготпой:
  • О, кудай алсын, айбандар! Катын бугудан дагы киши качабы? Жолборстун жаткан жерине ит даабайт. Мага келип кол сала алабы? – деп кырынан жата берди.

Ормонду тегеректеп туруп, жатып алган ойронду, аттан түшө калышып байлап алып жөнөштү. Ормонго каралап туруп кээ бир жигиттери кошо кармалды дейт. Муну менен Ормон колго түшүп, аттын үстүнө таңылып кетип бара жатканда

Алыбек баатыр бугунун колуна берет экен: «Имине кылсаңар ошо кылгыла, бугулар»,– деп.

Бул ортодо Боромбай, Балбайлар камынышып, Ормондун кетпей кекетип, матап жатып алгандыгына күүлөнүшүп келе жатышып, Ормондун колго түшкөнүн угушуп, жабыла: «Ормонду байлап келе бергиле»,– деп Алыбектин үйүнө жүрүп кетти.

Ормондун бети айрылып, жарадар болгону коркунучтуу болуп, бугулар Алыбекке акылга келишкен болот… Алыбек айтат:

  • Ой, катын Бугулар! Мунун иминесин айтасыңар? Буга эч бир айла жана акыл жок. Колуңар барбаса мага бергиле, мен билгенимди кылайын. Болбосо, тындымдан башка эч кеп жок. Тындым кылмайынча жан тынабы?
  • деген экен.

Ошол сөз боюнча Балбай баатыр Ормонду үйүнө чакырып бармакчы болуп, атказып жатканда Балбай баатыр найзасы менен, атка мине берерде эмчектин алдынан муштап койгон дейт. Кээ бирөөлөр айтат: «Атказганда бөйрөккө шап бычак менен мылгыта сайып койгон»,– дешет. Ошол эле жерден кайра аттан түшүрүп, Боромбай баатыр да, Өмүрзак деген уулунда, Ормондун кызыныкына түшүрүп койгон. Ормондун кызы таң атканча найза кирген жарааттын оозун соруп, көп аракет кылса да кан чыкпай, ичине кан сиңип кетип өлөт.

Өлөрдүн алдында кызына керээз айткан:

  • Ой, балам! Көп сором деп, найза тийген жерге убара болбо. Мен киши болбоймун. Балбай кара чунак жайлап салды окшойт. Сен Төрөгелдиге айткын: көлдү үч айлансын. Акылын Куттук Сейиттин уулу Шамен тапсын,– деди да өлдү.

Муну менен көп бугу жана башка кеңештеш уруулар (саяк Алыбек) болуп отурушуп, кара буурага өлүгүн жүктөп, Ормондун кызынан жетелетип жөнөттү.

Ормондун сөөгү келген учурда уулу Үмөтаалы Ат-Башыда экен айлы, үйү менен Ат-Башыга чабаган жиберип, Адыл кабар бердирди. Бирок, Ормондун сөөгү, күн ысык болуп, жыттанып кеткен үчүн аманат көргө коюп, Үмөтаалы келгиче оозун ачык сакташты. Кабарчы Ат-Башыга барып, Үмөтаалынын үстүнө киргенде эле Үмөтаалы сөз сурап:

  • Кандай, баатырың аман жатабы? – дегенде кабарчы айтат экен:
  • Аман эле жатабыз. Баатыр бугунун айлына барып келип, башым деп келип төшөктө жатат,– дегенде Үмөтаалы айткан экен:
  • Айылга барып сыркоолоп келди дегенче, бу, аты өлдү дебейсиңби! – деп эле ошол замат Ат-Башы, Нарындан эл жыйнап, бир миң киши кол курап алып Үмөтаалы жөнөдү дейт. Кочкор бетине келгенде калың эл кандай кыларын биле албай, акырында айылга жакын калганда көп эл өкүрмөкчү болгондо Ормон (кол жазмада так ушундай, контекст боюнча Үмөтаалы дештин ордуна Ормон делинип кеткен – К. Б.) кылчайып элди карап:
  • Тим, унчукпай бастыргыла! – деп акырая карап, өңү бузула түшкөндө эл өкүрө албай тим-тим, жым-жырт бастыра беришип отуруп, Ормондун үйүнө түшөт. Анда Ормондун катыны (көрөркөз) Кусубалды деген Үмөтаалынын алдына келип ыйлап жиберген экен:
  • Кара көз кашайды, баатырдан айрылдым,– дегенде Үмөтаалы айткан экен:
  • Сендей далай кемпирлер абышкасынан айрылган. Сага эчтеке эмес,– деген дейт.

Муну менен жалпы көпчүлүктү жыйнап (уюштурүп) алып бугуга чабуул коюу максатын ойлоп, бир далай жатып калды. Демек, шар жүрүп кетпегени Төрөгелдинин жогунан саалгып жата берди, колду жыйнап. Ал учурда Төрөгелди Пишпектеги бектин колунда ордо жаткан.

Ошол кезде Төрөгелди келип калабы деп күтүп калды.

Ормон өлгөндө Ормондун кызы мындай деп кошкон:

…Атамды бугу сойгондо,

Төкөм төмөнкү Пишпекке коргондо….

Мына ошонун аралыгында бугудан Санжылкылуу Сарыбай эки-үч курдай арачы келди. Эл-эл бололу, болор иш болду, кан Ормон өлдү, эми журт болуп тынышалы, мудаңарды кылалы, кунду берели, – деп келсе эч кандай жооп бербейт Үмөтаалы. Демек, Ормондун осуяты боюнча Төрөгелди көлдү үч айлансын дегени Үмөтаалынын эсинен чыкпайт.

Аңгыча Төрөгелди бошонуп келип калары менен баягы арачы Сапарбайдын арага түшүүсү астына бугу, сарбагыштан эки бет болуп тынчууну ойлошту. Мында бугулар сарбагыштардан имине дегенин кылууну ойлошкон. Демек, көпчүлүк чабылып кетпес жагын эске алышкан. Ошондо сарбагыштын бир уругунан, Кутсейиттин уулу Шамен деген он сегиз жаштагы жигит имиш. Ормондун осуяты боюнча акылды сен тапкын дешип, Шаменге бийликти беришти.

Шамен туруп:

– Ой, бугулар! Силер бүгүн кеңешкиле. Мен үч иш айтам. Чыдасаңар ошол үч иштин бирине туруп бериңер. Ормондун куну ошону менен бүтөт. Агер чыдабасаңар, «билгениңерди кылыңар» деп жооп айткыла, үч күнгө чейин кеңешип, так жообун бериңер,– деди.

Ал Шамен айткан үч иш төмөнкүлөр:

  1. Ормондун каны үчүн Боромбай, Балбай, Тилекмат, Мурза – төртөөнү кармап бериңер, мууздайбыз.
  2. Же болбосо бугудан тандап туруп эң мыкты, сулуусунан бир жүз кыз бериңер, жүз карабоз ат мингизип, бир жыл алып жүрүп, бир жылдан соң кайра беребиз. Жакшыларын алып калып, жөндүүрөктөрүн өзүңөргө чыгарып беребиз,– деди.
  3. Болбосо Ысыккөлдү күңгөй тескейи менен бошотуп бериңер дагы өзүңөр Текеске, Калмакка кирип кеткиле. Мына ушул үчөөнүн кай бир жеңилин кылып бергиле, үч күнгө чейин,– деп Сарыбайды жолго салды. Сарыбай барып, жалпы бугулар болуп кеңешти эле, эч бир адам чыдап тургусуз болгон үчүн: «Сарбагыш билгенин кылышсын»,– деди да тарап кетишти.

Ушуну менен бугунун биринчи чабуулу башталып, сарбагыш колу каптайт. Көп жолу Бугуну сайып кирердин алдында кеңеш кылышып, Ормондун күрөөкөсүн Адыл кийсин деп Төрөгелди айтканда Адыл ордунан тура калып: «Оюңарга кулдук, кулдугум бар»,– деп тура калып, башын ийип, элге ант берип, бугунун четинен бир бечараны кармап келишип мууздап, туусун кандап алып артынан сүрө түшүштү.

Бу чабуулда адегенде жекеге чыгышып, жекесин Адыл ыргыта сайып, жоо качтылап качырышканда аламан каптап, нечен киши өлтүрүп, казан-аяк, кайчы-тулгаларын кыйратып, күлүн сапыра кууп, мал, дүнүйө-мүлктөн таланып, канча бир кыз-келиндер колго түшүп, кан жүрүп кетти.

Бугуларды көл айланасында чабуулдап жүрүшкөн сарбагыштар бир жолата көчү менен шашпастан көчүшүп жүрүшкөн. Ошонун натыйжасында бугулар кайран ЫсыкКөлдөн ажырап, калмак жагына оодарылып качышты. Өлгөндөр өлдү, чабылгандар чабылып, мал-дүнүйөдөн ажыратып, унутулгус окуя менен бүлүндү. Ошентип, бугулар сарбагыштын көп колуна туруштук такат кыла албай жапырт качышат. Артынан Адыл «Жоо качтылап!» аралап киргенде, кадимки Мырза аттан түшүп калганда Адылды карап:

  • Ой, Адыл! Антту дос элек, жан соога,– дегенде Мырзанын бетин көрүп, өлтүрүүгө көзү кыйбай туруп: «Эмесе кийимиңди чеч, отуруп бутуңдагы мөкүңү чечип бер»,– дегенде Мырза отура калып бутун чечем дегенде Адыл: «Соога ант барбы?» – деп кызыган бойдон көзүн ылдый каратканда шилиге чаап салган. Башы бөлөк ыргып жерге топ этип түшкөндө Адыл аттан ыргып түшүп, ээрдин тешип, канжыгага байланып алып кайра тарткан дейт.

Бул бугунун биринчи чабуулу болуп эсептелет. Мында эсепсиз мал, дүнүйө, эсепсиз адамдардын өлүмү болуп, калың эл мал, дүнүйөнү камчыга ченеп, бөлүшүп алып олжолоп кайтышкан. Баягы Мырзанын башын талаага таштабай байланышып келип, сарбагыштын бир мыктысында Мырзанын биртууган эжеси бар экен, ошол эжесине таба кылып башты шалчага ороп келип алдына таштап, шалчанын бетин ачып койду дейт: «Бу башты тааныйсыңбы?»,– деп.

Анда Мырзанын эжеси айтты дейт:

  • Тааныймын! Бугунун соёчорунун башы экен. Он эки айрысы аман турбайбы. Анын несин айткандайсыңар? Он эки айры бугу аман турбайбы,– деген дейт. Ошондой кайраттуу аялдардан да чыккан. Мына ошондо сарбагыштар көл айланасын бошоттук деп кайра келип жатып калышкан.

(Экинчи чабуулу эмки материалда берилет.

Айткан Тоголок Молдо, жазган Чоробаев).

* * *

…Кулжыгачтын Супкуна деген катынынан Итемген, Сүтэмген – эки уул.

Итемгенден Айт, Жутакей, Алымбай, Майрыке, Кырбаш, Токтор – алты уул.

Айттан Түлкү, Мурат, Жоруп – үч уул. Жутакейден Айдарбек. Алымбайдан Алты Өтүк. Майрыкеден Эсенгул. Сүтэмгенден Чапынчы.

Эми Айттан Түлкү, Мурат, Жоруп деген элек. Бу Тулкүдөн Качыке, Кедей, Ажыбек, Шайыбек – төрт уул.

Экинчи катындан Карагул, Көккөз – эки уул.

Качыкеден Абайылда, Эңкелеш, Сасыкбай – төрт уул.

Абайылдадан Осмонбек, Черикчи, Баястан – үч уул.

Садыктан Үркүмбай, анын уулу Абалы – жалгыз.

Энелештен Маркабай, Аңдабас – эки уул.

Сасыктан Сасык уулу Эңкелеш уругунун ичинде.

Кедей уруктары

Кедейден Тооке, Илепес.

Тоокеден Шааке, Абалмейиз, Сулайман, Султан, Абыкан, Жаркымбай, Шайылда.

Илепестен Келдибек, Каратай… – үч уул.

Булардын бардыгынын уруктарын Кедей уулу деп аташат. Жана башка майда уруктар, ар жерден келип кошулгандар өтө көп.

Мурат уулунун таралышы

Мураттан Бердибек, Надырбек, Нарбото, Атамбек – төрт уул.

  1. Бердибектен Куттусейит, Сарыбай -эки уул.
  2. Надырбектен Курмушу, Курткатай, Алтын – үч уул.
  3. Нарботодон Котур, Сарбан, Жапек, Кенжеш, Мүрөк, Салык – алты уул.
  4. Атамбектен Быйа, Төлө, Миңбай, Ысмайыл – төрт уул.

Жогоркулардын тукумдары:

Бердибектен (Куттуксейиттен) Эштай, Эшимбек – экөө.

Сарыбайдан Акмат, Жамантай – экөө.

Надырбек (Курмушудан) Үрөстөм – жалгыз. Мындан Шергазы, Сейтаалы – экөө.

Курткатайдан Саты, Ноорузбай – эки уул.

Алтындан Максүт, Баястан – эки уул. Нарбото (Котурдан) Жалаке, Шамырза, Карпык, Ыстамбек, Чоробек, Шамен – алты уул. Сарбандан Байтели, Сарымсак, Чычкамбай – үч уул.

Жапектен Медер, Чоромбай, Жанызак – үчөө. Кенжештен Оболбек, Сатылган – эки уул. Мүрөктөн Сарбагыш жалгыз. Салыктан Найманбай, Үтөгөн – эки уул. Атамбек (Быйадан) Матек, Ысмайыл – эки уул. Телөдөн Жаңгир, Чуку – эки уул. Миңбайдан Сартбай, Адаңбай – эки уул. Ысмайылдан Нараке (же Назаке), Биймурза – эки уул.

Ажыбек уулунун таралышы: Ажыбектен Аалы, Төлөбай, Ештай – үч уул. Аалыдан Таңсыкожо, Супатай, Үмүрбек үчөө.

Төлөбайдан Жүдөө жалгыз. Ештайдан Курама, Жаанбай, Сары – үчөө (Бүтөт).

Шайыбек уулунун таралышы

Кулжыгачтын Күрүчбек деген катынынан улуу уулу Караболот деген. Андан Кадыржан, Кожотай – эки уул.

Кадыржандан Чал, Жамантай, Жаныш – үч уул. Чалдан Садык, Омор, Сейит, Солтобай, Баян, Бапа, Жакып – жети уул. Садыктан Мамаке, Өмүке, Үрүстөм, Абадан – төрт уул. Омордон Ысмайыл, Алыбек, Чолпонбай – үч уул. Сейиттен Таштемир, Борбу, Канай – үч уул. Солтобайдан Жантай, Чыңтемир – эки уул. Баяндан Сарымсак, Карбоз – эки уул. Бападан Жылкы, Түлкү – эки уул. Жакыптан Түкөш, Кайкы – эки уул. Эми булардын  уруктары төмөнкүдөй ажыратылат:

  1. Садыктын төрт уулунан эң улуусу Мамакеден Өтөгөн, Атыкан, Байболсун, Шоке, Сопу, Карабай – алты уул.
  2. Өмүкеден Таманбай, Ботакан, Танабай, Саадабай – төрт уул.
  3. Үрүстөмдөн Байтерек, Бообек – эки уул.
  4. Абадандан Жылчы, Кулуке, Муратаалы, Самсаалы – төрт уул.
  5. Эми Омордун Асмайыл деген уулунан Суранчы, Отош, Нурабай – үч уул жана Үтө деген уулу менен төртөө. Алыбек деген уулунан Эликбай, Иса – эки уул. Чолпонбай дегенинен Жээнчоро, Сулайман, Султан, Молдотай,

Тургунаалы – беш уул.

  1. Сейиттин Таштанбек деген уулунан Максы, Сары, Дадабай – үч уул. Борбу дегенинен Кодош, Култатай, Жөрмөлдөш. Канай дегенинен Сасыкул жалгыз.
  2. Солтобайдан Жантай, Чыңтемир деген эки уулунан (Жантайдан) Ырсаалы, Жараш – эки уул Чыңтемирден Калдыбай, Ырыспай – эки уул.
  3. Баяндын Сарымсагынан Майты, Бай, Бактай, Баатай – төрт уул. Карбоздон Качыке, Талкан, Каратал – үч уул.
  4. Бапанын Жылкы дегенинен Жаманкул, Дөөткул, Дөмөтбай – үч уул. Түлкү дегенинен Керимбай, Акы – эки уул.
  5. Жакыптан Түкеш дегенинен Тыйта, Үңүрбай, Жаки – үч уул. Кайкысынан Төкөлдөш, Сасык – эки уул. Мына буларды Чал уулу деп айтат.

Каракучкач уругу

Каракучкачтан: Чал, Кудайберди, Темирбек – үч уул. Чалдан Дайырбек, Кулубек, Байдаке, Шераалы, Бирназар – беш уул.

Дайырбектен Жоомарт, Садыр, Ныша, Казыбек, Атантай, Орозаалы, Бердике – жети уул. Кулубектен Кирдикабак, Койлубай – эки уул.

Жоомарттан Жайылмыш, Мамбет – эки уул.

Садырдан Манап, Эшкожо, Тайсары – үч уул.

Нышадан Чыңгыш, Түлкү, Мурат – үч уул. Кичи катындан: Сазан, Ажыбек, Жаныбек, Чыныбек – төрт уул. Мураттан тукум жок.

Карыбектен Жийдебай, Бөлөкожо, Сарыкожо – уч уул.

Атантайдан Сатылган, Орозаалыдан Жакып, Канай, андан Байбагыш, Кожоберди, Усуп.

Бердикеден Эдиге, Боромбай, Төлө – үч уул. Эдигеден Черикбай, Баястан – эки уул. Боромбай, Төлөдөн тукум жок.

Кулубектен эки уул деген элек: Кирдикабак, Койлубай. Эми Кирдикабактан Шамырат, Сулайман, Илгидей – үч уул, Шамыраттан Жамболот. Сулаймандан Жонообай, Сүйүнбай, Балпык – үч уул. Илгидейден Алсейит, Бытый, Байбол – үч уул.

Кудайбердиден Бакшан, Мамай, Мамбет – үч уул. Бакшандан Жообасар, Кутумбет, Саманчы – үч уул. Мамайдан тукум жок.

Мамбеттен Адигине, Дөөлөс – эки уул.

Эми Жообасардан Түлөө, Карач – эки уул. Кутумбеттен Чулу жалгыз, андан Алдаяр, Аалыбай, Койчу, Байгана, Тойгожо – беш уул. Саманчыдан Качы, андан Орок жалгыз.

Темирдин тукуму

Темирбектен Кубатбек жалгыз. Мындан Чортой, Бечел – эки уул. Чортойдон Качканак, Байтерек – эки уул. Жайчыдан Үркүмбай, Чочубай – эки уул. Карадан Эсенаман, Эсенбек – эки уул.

Ушуну менен Каракучкач уруктары негизинен бүтөт.

Мойнок уруктары

Мойноктон Үмүрбек. Манас, Кушубек, Балпык – төрт уул. Өмүрбектен Нарбото, Жанбото, Акбото, Кадырберди – төрт уул.

Нарботодон Эсен, Беки, Карабөрк, Чоңдолой, Казыбек, Улак, Чыныбек, Шадыбек, Жылжымыш – тогуз уул.

Жанботодон Токтор, Качыке, Нээтбай, Садык, Кашкары, Жообасар, Сүтакей, Кулбай – сегиз уул.

Акботодон Таберик, Абдыраман, Сасык, Короолу – төрт уул.

Кадырбердиден Бектен, Табылды – эки уул.

Манастан

Манастан Байсейит, Бүтөш, Молдо, Токтоной, Кожомкул – беш уул.

Байсейиттен Орозбак жалгыз. Бүтөштөн Барман жалгыз. Бир катындан Үкү жалгыз (энеден). Молдодон Жакып, Түлөөке – эки уул. Токтонойдон Байтөбөт жалгыз. Андан Сарбаш, бир катындан Орозбак, андан Сагынбай жомокчу. Кожомкулдан Жээнбек, андан Чычай, Ысмайыл, Элчике – үч уул.

Козубектен

Козубектин уруктары ажыратылат. Козубектен төрт уул туулат.

  1. Атамырза, Нооке, Карач, Бочубай.
  2. Атамырзадан Атабек, Шадыбек – эки уул.
  3. Ноокеден Бошкой жалгыз.
  4. Карачтан Турсумбай, Сатылган, Токтогул – үч уул,
  5. Бочубайдан Ормогул жалгыз.

Барпыктын уруктары

Барпыктан Токбай, Ырай. Мунун тукумдары Кетментөбөдө.

Эми Мойноктун Күнтууду деген биртууганынын тукумдары төмөнкүдөй ажыратылат.

Күнтуудудан Түлөөбакты, Жакшыбай, Ажыбай, Каракучкач, Төлөк – беш уул. Мындан Түлөөбактынын уруктары жазылат. Түлөөбакты өзү ар дайым соку жанчып, таруу актап жүргөн үчүн атагы «сокучу» болуп калды. Жакшы билүүчү кишиси болбогон үчүн ажыратылган жок. Жакшыбайдан  Келдибек, Эдил, Шербек – үч уул. Келдибектен Нусуп, Балбак, Алыбек, Нарбото, Байтүгөл, Токтоболот – алты уул. Нусуптан Сарсейит, Жамбото, Сурке, Туума.

Эдилден эдил уулу деген уруктар Кочкордо жердешет. Жана Шербектин уруктары да бирге турат.

Эми Келдибектин Балбак деген уулунан Аргын, Кубат, Урум, Ботбай, Матай, Молтой, Чымыр, Алчын, Каракесек, Жүзбай – он уул. Булар беш катындан.

Аргындан Садыр, Байтерек, Нурмамбет, Мамаян, Салиян – беш уул.

Кубаттан Күлөн, Абылкайыр – эки уул.

Урумдан Үркүмбай жалгыз.

Ботбайдан Качы, Шапак, Үрүстөм, Ажыбектен төрт уул.

Матайдан Чыңгыш, Сары– эки уул. Молтойдон Чомой, Карымшак – эки уул. Чымырдан Алыке, Бообек – эки уул. Алчындан Шадыкан жалгыз. Каракесектен Экилтик, Тойчубек – эки уул. Жүзбайдан Шадыман, Сүйүнбай – эки уул.

Алыбектин уруктары

Алыбектен Кылычбуркан, андан тукум жок. Нарботодон Майлыбай, андан Жээналы, Тынаалы – эки уул. Байтүгөлдөн Медет жалгыз, андан Дуулат, Айтак, Алаша, Албан, Абак, Атабек – алты уул.

Дуулаттан Чыны, Капчыгай, Эмил, Улаан, Жайыл, Үркүнчү – алты уул. Булардын бардыгын дуулат уулу деп аташат.

Абактан: Түлөөлү, Бакыбай, Бактыяр, Эшимбек, Акымбек, Султакан, Сарыкожо – жети уул. Буларды жонунан абак уулу деген наамда аташат.

Түгөлдүн улуу катынынан Жараш дейт. Себеби катындын аты Жараш болгон үчүн уруктары жараш аталып калды. Жараштын төрт уулу болгон.

  1. Калматай, 2. Кудаш, 3. Итбакпас, 4. Амандык.

Калматайдан Кудайназар, Кубатбек, Бердиш – үч уул. Кудайназардан Жээнбек, Ырыскул – эки уул.

Кубатбектен Күлтөбөт, Боку – эки уул. Бердиштен Ташыбек, Жалгап – эки уул.

Кудаштан

Кудаштан Айтыке, Жылыш, Мурат, Түктүкурт, Чарабаш – беш уул.

Айтыкеден Борбодой, Ырайке, Кенжебай, Насырбай, Назарбек, Сүйүнбай – алты уул. Жылыштан Чотбай, Суранчы, Тагылык – үч уул.

Мураттан тукум жок. Түктүкурттан Шадыкан жалгыз.

Чарабаштан Кыдык жалгыз.

Итбакпас уругу

Итбакпастан Сарыкүчүк, Бай, Мыса – үч уул.

Сарыкүчүктөн Турган жалгыз.

Байдан Карагул, Токтор – эки уул.

Амандыктын уругу

Амандыктан Молдобай, Толкунбай – эки уул. Молдобайдан Мамбетаалы жалгыз. Толкунбайдан Калак жалгыз. Булардын бардыгынын уруктары жалпы жонунан Жараш деген наамда турушат Жумгалда.

Түгөлдүн экинчи катынынан

Түгөлдүн экинчи катынынан Көчкөнөк жалгыз. Көчкөнөктөн Болокой, Андаш – эки уул. Болокойдон Мырзабек, Солтоке – эки уул. Андаштан Итике, Жолжакшы – эки уул. Мырзабектен Тенти жалгыз. Солтокеден жок. Итикеден Назаркул, Кожомкул – эки уул. Жолжакшыдан Бачадил, Дөөлатбай– эки уул. Булардын энесинин аты Осмон болгон үчүн Осмон деген атакта жүрүшөт.

Түгөлдүн үчүнчү катынынан

Түгөлдүн үчүнчү катынынан Маңгыт жалгыз. Маңгыттан Курманкожо, Кудайбакты, Сүйөркул, Казыгул, Эсиркемиш – беш уул.

Курманкожодон Күнтууду, Мойнок, Байболот, Жанболот, Сарык, Доскулу – жети уул. Күнтуудудан Түлөөбакты, Ажыбай, Каракучкач, Төлөк, Жакшыбай – беш уул бир катындан. Мындан Түлөөбакты, Каракучкач, Жакшыбай үчөөнүн уругу барактарда ажыратылды.

Ажыбайдан Эшим, Жаман – эки уул. Эшимден Кожомкул, Жалгаш – эки уул. Жамандан Жумаш жалгыз. Эми Кожомкулдан Ийгилик, Тайлак, Чылпак – үч уул.

Жалгаштан Сарт, Керимкул – эки уул. Сарттан Осмон жалгыз. Керимкулдан Бирбай жалгыз. Жумаштан Бозумбай, Эркимбай, Исан – үч уул.

Сүйөркул, Казыгул, Эсеркемиш уруктары жана Байболот, Жолболот, Токтомуш, Сарык, Доскулу уруктары уланат.

Сүйөркулдан Меңдигул, Бокой, Ормотой, Токтомуш. Бокойдон Олжоболот, Курмушу жана Сырдыбай, Тукубай экөө. Олжоболоттон ар кайсы жерге тарап кеткен. Курмушудан Бердике, Маңгыт, Шүкүр, Садык – төрт уул. Сырдыбайдан Караменде, Сартбала – экөө.

Эми катаган деген арбын уруктар болуп турушат. Жалгыз гана Сүйөркул баатырдан тарайт.

Ормотойдон Кулантай, Кудайкул, Атамкул, Теке – төрт уул.

Кулантайдын үч катынынан жети уул: Кумар, Манак, Карбоз, Жанбала, Курманбай, Жумабай.

Кудайкулдан Салымбек, Надырбек, Алчаш – үчөө. Экинчи катынынан Ноорузбай жалгыз. Үчүнчү катынынан Шаназар, төртүнчү катындан Куртка, Жапак – экөө Бешинчи катындан Акжол, Сапар – экөө. Алтынчы катындан Байтемир жалгыз.

Атамкулдан Кабык жалгыз, андан Кызалак, Жанболот, Моңко, Татыбек, Туума, Сарткозу, Буудайчы, Бекпоо, Кенжебай, Орозалы, Чоно. Бардыгы төрт катындын балдары болуп эсептелет.

Сарыктан Токтомуш, Коңкош, Мурат, Бейбит, Аленде – беш уул. Токтомуштан Алакожо, Адыл – эки уул. Коңкоштон Саккулак жалгыз, андан Берик баатыр. Мураттан Токтош жалгыз, андан Кызалак, Жумабай, Сатыке, Карачын, Куланбай – беш уул.

Бейбиттен Кулатай, Жамболот, Торгой – үч уул. Мендеден Максүт, Тойгожо – эки уул.

Доскулдан Алдаяр, Мадыяр – эки уул. Алдаярдан Сасык жалгыз. Мындан Касымбек, Тазабек – эки уул. Мадыярдан Учкунчу, Суичер – эки уул.

Бул Сарык, Доскулдун тукумдарын «Көкмээ» деп атайт. Себеби: Сарык өлгөндө Токтомуш өлүктү Анжияндагы Арстанбапка алып койгон соң анда кыштап калат.

Ошондо мындагы Ботокөз деген кыз карындашынын эмчегин Каракучкачтын Чал дегенинин уулунун балдары жара чаап коёт. Ошондо атайын жөө-жалак менен кабарчы барган соң, Арстанбаптан көчүп, төөнүн комун чечпей көчүп жүрүп отуруп, Кочкорго ала-шалбырт убагында келип эле, долу, ачуулуу киши экен, Чалдын башын чоюнбаш менен жара чаап, чоң чабуул коёт.

Анда Абайылда баатыр (сарбагыш) арачалап:

  • Кой эми. Чалдын башынын жарааты оор, бул урушту  тыялы,– десе  Токтомуш баатыр долуланып, ташты асманга ыргытып жиберип кайра башын тосуп, өзүнүн башын өзү таш менен муштай бергенде, Абайылда баатыр:
  • Кантесиң, койгун. Бул кудай урган, Анжыянга барып, эшектин мээсин жеп, көкмээ болуп калган турбайбы! – деп койсо, ошо бойдон уругу көкмээ аталып калды,

Текеден Байсейит жалгыз. Байсейиттен Бозкемпир, Белек, Муса – үч уул.

Бозкемпирден Сасык жалгыз.

Белектен Айылчы жалгыз.

Мусадан Шаамырза, Шоорукбай, Ысмайыл – үч уул.

Казыгулдун уруктары

Казыгулдун улуу катынынан Асанбек, Айдарбек – экөө.

Кичи катындан Сасык жалгыз. (Андакулдан туулган

Үтөнүн энесинен туулат – Казыгул алгандан соң.)

Асанбектен Ормон, Атантай – экөө. Ормондон Сабыр, Мамырбай – экөө. Атантайдан Кубат жалгыз. Айдарбектен Коной баатыр. Андан Эсенгелди, Ыман – экөө.

Сасыктан Баатай, Байбучак, Кутулду – үч уул.

Баатайдан Бокбасар, Жетибай – экөө.

Байбучактан Кожотай, Токтогон – экөө. Кутулдудан Шыгым, Токтор – экөө.

Эсиркемеш уруктары

Эсиркемештен Жылантемир, Бактыбай – эки уул. Жылантемирден тараган уруктар  ар жерде тарап кеткен. Бактыбайдан Маша жалгыз, мындан Кожоберди, Карымшак – эки уул. Кожобердиден Атамбай, Көтөмбай, Турпандык, Үрүстөм, Жанузак – беш уул. Булардын урууларын «Аюулар» дешет. Демек, Эсиркемеш өтө чоң киши, мурду кең болгон. Ошон үчүн, саркороол чымчыгын ойноп жүргөн балдардан, тамашалап, мурдунун таноосуна катып койчу экен. Жана өңү суук, сары киши болгондуктан «аюу» деп атап коюшкан.

Ушуну менен Катаган уруунун ичинде жүргөн Калмак уругунан да бар. Өткөн замандарда Калмактар Жумгалда (Тяншанда) жердеп турган учурунда, Калмактар сүрүлгөндө эки калмак калган экен. Бири уста экен. Ошондон уруктар таралып, азыр тукуму бар. Устанын аты – Чынтемир. Бул Чынтемир мусулман болуп, Кудайкул катын алып берет. Чынтемирде Элконду, андан – Жакшылык. Жакшылыктан Боку, Сыдык, Ногой – үч уул болгон. Экөөнөн тукум жок. Ногойдон бир бала бар.

Экинчи калмактын аты – Бадакшан. Мындан Бекпай, Солтонкелди, Кулуке – үч уул. Булардын тукуму бар.

Булар Ажыбай деген наамда жүрүшөт.

Төлөк дегенден Баймедет, Жантемир, Таттыбала – үч уул. Баймедеттен Ичкилик, Шергазы – эки уул.

Жантемирден Сатыбалды, Барман – эки уул.

Сатыбалдыдан Аалыбай, Сооронбай, Сейит.

Ичкиликтен Шаамыркан, Мамырбай– эки уул. Шергазыдан Жаманак, Солтоной, Чүрөк, Абик, Мүрөк, Эдиге – алты уул. Күктуудунун экинчи катынынан: Ниязбек, Сака, Чүкө – үч уул. Ниязбектен Шабото, Боруке, Сарыке – үч уул. Саканын уругу Көлдө. Сукеден: Сарт, Жолдош, Токтомат, Болот – төрт уул. Сарттан Сарбагыш жалгыз. Жолдоштон Аким, Надырбек, Ормомбек – үч уул. Токтоматтан Байтөлө, андан Илепес, Түлөө, Үч Куртка, Черик, Өмүр – беш уул. Болоттон Бегалынын уругу Көлдө. Шаботодон Кыды, Түлөөмат, Атан – үч уул. Борукеден Жаныбек, Түгөл – эки уул. Сарыкеден Чабыке жалгыз.

Бул Ниязбектин Сака, Чүкөлөрдүн уруктарын жалпы жонунан «Кургак» деп айтышат. Себеби: өздөрү (жогорку үч биртууган) өтө куу, шум жигиттер болуп, күн сайын кечкурун кургак талпакты тегеректеп сабап: «Карма! Байла!» – дешип, тарсылдата берчү экен.

Демек, кечкурун айылды тооруп жаткан уурулар болсо сестенишсин деген ой менен амал кылып, сактанышып жана кыйын, чыйрак эл экен деп, аңдыган уурулар болсо кетип калсын дегени. Мына ошон үчүн, чындыгы кургак талпак сабашкандыктан «Кургак» аталып калышты.

Эми Түгөлдүн үчүнчү катынынан Маңгыт, анын уулу Курманкожо, Курманкожодон Кудайбакты деген элек. Кудайбактыдан беш уул болуп өтө тың чыккан үчүн Беш Берен деп гана аталып калды. Булардан Черикчи, Черикчиден Мамыт (Ажыбай Мундуздун ичинде).

Эми Сүйөркулдун бир аз эпчилдигине токтололу.

Бу Сүйөркул Кокон заманында кан алдына барып жүргөн учурда, бир 12-13 жаштагы бала токулуу келген элдин аттарынын арасында Сүйөркул баатырга учурап, бала бир түрдүү сыр айткан экен:

  • Аке, мен сырт элине кетким келет. Эптеп ала кетиңиз,– деген соң:
  • Эмесе сени мен тааныбаган киши болуп, кан алдына арыз болоюн. Менин иним жоголуп кетти эле, ошого жар чакырып, суроо салып берсеңиз экен,– дейин. Агер аты ким десе Андакул эле дейин. Өз атыма уйкаш болсун. Сен дагы тааныган киши болуп: «Сүйөркул акемсиңби?» – деп, мени кучактап көрүш,– деди.

Ошону менен макулдашып алып, экөө көрүшпөгөндөй болуп ажырашты.

Кан алдында Сүйөркул баатыр инисин издеп келген киши болуп арыз айтканда, кан элин жыйнап, чогулуш курап: «Баягы Сүйөркулдун иниси бул чогулушта барбы?» – дедиртип жар чакыртты. Жана иниңдин аты ким эле дегенде Сүйөркул: «Андакул, барсыңбы?»– дегенде, «Сүйөркул аке, бармын!» – деп басып келип, кучакташып көрүштү да табышты. Ошол Андакулду алып келип, ини кылып алып, катын алып, андан Үтө жалгыз, Үтөдөн Элебес жалгыз, андан Сотобай жалгыз, Солтобайдан (кол жазмада Сотобай жана Солтобай деп катар жазылганы менен кийинкиси туура көрүнөт. – К. Б.). Итаяк, Бакетай, Дербиш – үч уул. Итаяктан Үскөнбай жалгыз. Бакетайдан Кызалак, Бекбоо – эки уул. Дербиштен Уйтуке, Бозтери, Көкүмбай – үч уул.

Дербиштин экинчи катынынан Мамырбай, Байит – эки уул. Үчүнчү катындан Дыйкамбай, андан Тилемиш.

Бул ортодо Андакул Сүйөркулдун алып берген катынына алымсынбай, Олжобек деген аялды аламын деп ойлойт. Бул Олжобек адегенде Кудайбактыдан Бешберен деген беш уул тууган. Андан кийин жесир калып (кийинки эри Күнтуудан көп бала тууйт – саны укум-тукум – отуз имиш), эрге тийе элек чагында Андакул арачы салып жүрсө бир бала барып, Күнтуудуга айтып койду:

  • Сенин жесириң Олжобекти Андакул алам дейт жана Күнтуудуну жаа менен атып өлтүрөм дейт.

Ал учурда Күнтууду жаш жана бойдок, короонун четине жатып жүрчү экен. Бир күнү Күнтууду жаткан ордуна дөңгөч жаткырып, башына тебетейин коюп, өзү башка жакка изин жашырган үчүн. Ошо түнү Андакул жылкы кайтарып жүрүп, бир мыкты атты ылгап минип, не бар, не жок дегенсип сактанып, айылга келип, баягы Күнтууду жатчу жерге болжоп туруп (дөңгөчтү) жаа менен атып салып, жылкыга кете берет.

Эрте менен жаанын огун дөңгөчтөн сууруп алып, чоң үйдүн жабыгына кыстарып коюп, элди чакырып Күнтууду кымыз берип жаткан учурда Андакул жылкысын айдап келип, кулунду желеге байлап, кымыз ичүүгө үйгө кирсе, Күнтууду кымыз сунуп жатып, кылчая карап туруп, баягы жабыкка кыстарган жаанын бөрү тил огун алып:

  • Бул кимдин огу? Тааныйсыңарбы, журт! – дегенде:
  • Бул Андакулдун огу экен, – дешет эл.

Ошондо Күнтууду ачууланып:

  • Сен түн ичинде өлтүрсөң, мен күндүз эле атып салайын! – деп жаа менен тартып жиберсе, Андакул колун көтөрө бергенде бармагын сый берет экен.

Муну менен Андакул эшикке чыга жүгүрүп, атына чап ыргып минип качат. Албетте, атты тандап минген үчүн эч кандай жеткирбей кутулуп кетет. Ошо бойдон Чүйгө барып, Андакул Казак ичине туруп ал жерден дагы катын алат. Ал казактан алган катынынан бала туулуп, бир кыйла (кырк үйлүү) тукуму бар дейт. Кызылбөрк ичинде, Баштерек деген жерде.

Андакул андан кийин Анжыянга барып, дагы катын алат. Анда дагы тукуму бар дейт (Кыпчакта).

Эми бул  жерден Катаган деген атактан сөз башт айлы.

Курманкожонун чоң атасы Түгөл өзү абдан бай киши болгон. Түгөл менен Куртка биртууган (Чекир Молдонун уулу).

Куртканын үч уулу Үч куртка деп, үч өзөндү ээлеп мыкты болуп, Түгөлдүн балдары анчалык чыйрак эмес болуп, Жумгалдын өзөнүндөгү Чоңсайдын боюнан (Түгөлсай) конуш алып турду. Түгөлдүн малы эсеби жок көп болгон үчүн Үч Куртка малдын четинен суук колун салып, пайдаланыша берген. Ошонун залдарынан Түгөл көп малын айдап, көчүп, Суусамырды жайлатып, андан нары Олуяата Таласка көчүп түштү.

Анда Олуяатанын каны Эр Эшимкандын элине аралашып, кошулуп конот. Бир күнү Эшимканга бир жигити Түгөлдүн келип конгонун айтат:

  • Бир бай адам көчүп келип конду. Жылкысы оюк кула экен, эсеп жеткис деп.

Анда Эшимкан элине жарлык кылды:

  • Ошол көп жылкыдан алып, чекесинен жей бергиле! – деди.

Ошон үчүн калың жылкынын четинен бөлүп айдап алып, тийме-тийме жей беришсе да жылкысынын артынан суроо салып барбастан, жана жоктоп түгөлдөбөстөн

Түгөл бай жата берди,

Бир күнү Эшимкан кадимки Санжы сынчыны ээрчитип алып, ошол байдыкына барып келели, жана ким экенин билели деп Түгөл байдыкына келишти. Бул бай имине үчүн жылкысын жоктобойт? Имине үчүн дайынын билгизбейт? – деген ой менен келип түштү.

Айылга жакын келгенде желенин четинен бир кула быштыны Санжы сынчы көрдү да Эшимканга айтты:

– Каным! Кокустан бай ат мингизсе,  тетиги кула быштыны алгын, тулпар экен! -деп көрсөттү.

Ошону менен Эшимкан түшүп, отурушуп, таанышып, Түгөл бай Эшимканга жезде болуп табылды. Себеби: Түгөл байдын Жараш деген катынынын төркүнү саруу экен.

Албетте, Эшимкандын эли саруу болгон үчүн Түгөл байды жезде кылды.

Түгөл бай абдан сыйлуу конок кылып отуруп, Эшимканга бир жакшы ат мингизмек болуп, эшикке чыгып, жылкысын чогулттура баштаганда баягы Санжы сынаган кула быштыны жылкычыга мингизип, жылкы чогултууга жөнөттү. Демек, ошончо көп жылкыны чогултууга он эки айгыр чарчап, жүрбөй калчу экен. Агер баягы кула быштыны минсе бат эле жыйнап келчү. Бул кула быштынын укмуштуу экенин Түгөл бай таанып билчү экен.

Үйдө олтуруп Санжы сынчы байбичесинен сурады:

  • Байбиче, канча мал бар? – дегенде байбиче жооп берет:
  • Канча экенин билбеймин, жылына он эки карыш кан менен  тикме чүлүк кылдырып,  жылыга туулган торпоктордун  мурдуна  тактырсак,  чүлүк жетпей калып, бир кыйла торпоктун мурду көзөлбөй калат. Жана бир күндө жалаң кара кашкасынан үч жүз торпок биттелет.

Жылкынын эсебин билбейм,– деди.

Анда Санжы айтты:

  • Байбиче, дүнүйөгө көзүң тойдубу? – деп. Анда байбиче жооп берген экен:
  • Дүнүйө курусун, көз тойбойт экен. Бир күнү Түгөл бай бир тоодак атып, тоодакты алабаканга илип койсом, чаткаягында майы сызгырылып жерге тамганда жез чарачык табакты алдына тосуп койсом үч толду. Ошого гана көзүм тойду,-дегенде Санжы айткан экен:
  • Көзүңүз ач экен. Тукумуң токолдун балдарынын көзүн карайт жана тукумуң аз айыл болор, э-э!.. – деген дейт.

Бул байбиченин өз аты Кыстарбек экен. Бар сарамжалы тегиз, өз башы ырыскылуу, оймоктуудан уз болгондугу үчүн Түгөл байга жарашып калгандыктан, – атын Санжы Жараш койгон экен.

Эшимканга Түгөл бай ат карматып келсе, Эшимкан албайт экен.

  • Бай, мага берсең кула быштыны бергин,– десе Түгөл бай жылкынын түрүн-сырын тааныган киши болгондуктан, бере албайт экен. Бирок:
  • Башын бербесең күчүн бергин, калмакка казаат кылат элем,– дегенде, макул деп кула быштынын күчүн берет. Кула бышты өтө кашаң болгондуктан Шапкула деп атак койгон.

Эшимкан үйүнө барып, Шапкуланын жанына үч атын агытып, үч жылы минбей, илик салбай коюп, үч жылдан кийин бир атты сойсо, жилиги туюк, көңдөйү жок, бүтүп калган болот. Ошондо Эшимкан калмакка кол аттанат. Албетте, Шапкуланын сөөгү, жилиги туюк болду деп минип алып, өзүнүн элинен миң киши жана катаган Кан Турсун дегенден миң киши кол алып, элин кан Турсунга тапшырып, эки миң кол менен жөнөп кетет.

Калмакка барып, мөрөйү үстүм болуп, эсепсиз көп мал, дүнүйө аруу буюмдар алып, олжо аттын кара капталынан болуп, үч жылы токтолуп, калмакты сурап калат. Бир күнү Эшимкан көп колу менен калмакка кайтып, кошуунду:

  • Шашпагыла, акырын келе бергиле. Мен элден кабар алып, амандыгын билейин! – деп, Олуя-Атаны көздөй кайра тартты.

Эшимкан менен бирге жолдош болуп, бир жорго минген киши, бир аксур ат минген киши, эки кара буурул ат жана бир тору айгыр минген кишилер кошо Эшимкан менен кошо чыгышты. Шапкуланын жүргөнүнө чыдабай адегенде Кызыл Заңташтын жөлөнүшүндө жорго минген киши калды. (Ал себептен Жоргонун Бели аталды.) Андан кийин Үрүктүнүн талаасында эмки буурул атчандар калды (ал жер Карабуурулдун талаасы деп коюлду). Андан кийин күңгөйдөгү Чырпыкта тору айгырчан киши калды (ал жер Торуайгыр аталды).

Эшимкан ошол күнү Олуя-Атага барса как эткен карга жок, жан адам таппай, аң-таң болуп: «Бул элимди жоо чапкан экен, сүрдөн күн чыгышка кеткен экен…» – деп, кайра тартып, көлдү көздөй жөнөдү. Эшимкан элин кайдан табаарын биле албай келип Бууганга түшө калса (Көтмалды – Балыкчы) бир топ сөөк чала мүлжүлүү калганын көрүп.

  • А-а, менин элим ушу жакка кеткен экен, жана өтө ачкалыкка учурап, сөөктү чала мүлжүптүр,– деп Тоңго барса күн батты.

Айылды бакалап, түн жамынып кабар алайын деп турса айылдан бир катын короо кайтарганында кулак салып тыңшаса, мындай деп ырдайт баягы аял:

Кой кайтарган биздин кыз,

Козу салган биздин кыз,

Отун алган биздин кыз,

Оокат кылган биздин кыз, Отту жаккан биздин кыз. Биздин,

Эңчегер бойлуу Эр Эшим,

Эсен барып, соо келсе,

Биздин кыздай болор бекен сиздин кыз…

Катагандын кан Турсун,

Кан Турсун сени ант урсун… – деген үнүн угуп, Эшимкан бастырып келип, катынды эңип четке алып чыкты да:

  • Сен имине деп ырдадың, короо кайтарганда? – десе,жогорку ырын айтат. Ал жерден элинин дайын-отун сураса, Эшимкан калмакка кол аттанып, үч жылга кечигип калганда, катаган кан Турсун Эшимкандын элин чаап алып, Олуя-Атадан сүрүп, көл башы тескейине жана ар кайсы жактарга, Анжиян, Ташкенге жана казакка тентитип жиберип, Эшимкандын кызын кызалак кылып, жакшы көргөн катынын кан Турсун өзү алып, Тонго каттаган эли менен келип, чоң коргон чеп салып жатып калганын укту. Баягы катын Эшимкандын жатпаган катыны экен. Ал жерден таанышып, катынын андан кийин жакшы көрүп жүрмөккө убада берип, айрыкча короо кайтаргандагы (жогорку) сөзүнө ыраазы болуп, «эч кимге сырыңды айтпай жата бергин» – деп, Эшимкан жүрүп кетти, колунун келер жолун утурлап.

Эшимкан Үрүктүнүн талаасына барганда колунун алдынан чыгып, кан Турсундан алган миң колго сырын айтпастан, калмактан түшкөн көп мал, дүйнөнү бүт бойдон кан Турсундан алган колуна бөлүп берип, ыраазылантып, жайбаракат жаткырып койгон соң түн ичинде өзүнүн миң колуна кан Турсундан алган миң кишини байлатып таштап, өзүнүн миң кишисин эки абарадан беш жүз төөгө жүктөп, үстүнө чатыр жаап, бир топ кишилерине жетелетип, тескей менен жүрүп олтуруп, Тоңдоку кан Турсундун чебине түн ичинде келип, чептин эшигин кайтарып турган киши аркылуу кан Турсунга кабар кылды:

  • Мен Кашкардан келе жаткан кербенмин. Беш жүз төөдө жүгүм бар коргонун ачтырсын, ичине түнөп, эртең менен канга алым берип, анан жүрүп кетебиз,– деди.

Эшикчи кан Турсунга бул сөздү айткан соң «чепке кирип жатсын» деп уруксат кылды. Эшимкан кербенчи болуп алып төөлөрдүн жүгүн түшүргөн соң, чатыр жапкан аскерлерин таң сүргөнчө буйрук берип, кан Турсундун чебин талкалатып, далай элин кырып жатып үч күн атышты. Үч күндөн кийин кан Турсундун колундагы жакшы көргөн катынына Эшимкан арачы жиберди:

  • Агер көңүлү менде болсо чептин ичине суу кайдан кирет, айтсын,– дегенде катын айтат:
  • Тоңдун суусунун башынан жер асты менен түтүк (арык) алдырып, чептин ичине киргизген,– деп жооп бергенде Тоң суусунун башынан чапан  агызып сүйрөтүп жүрүп, чапан бир жерге тыгыла калса «көзү ушул жерде экен» деп, чым томкоруп тыктырып, сууну түтүктөн  соолтуп кан Турсундун  кырк желдети, өзү баштап, кургакчылык болуп, ички чептен тышкы чебине чыдабай чыга качышканда, Эшимкан кан Турсунду атып өлтүрдү. Катын-балдарын ажыратып алып, катаган деген элди бүтүн тымтыракайын чыгарып, мал, дүнүйө, кыздарын олжолоп, көпчүлүгү менен элди Ооган жакка сүрүп жиберди.

Эшимкан кан Турсундун кызын колуна сактап, өз катындарын жана анын катындарын алып Тоңдо жата берди.

Бул кабарды угуп Түгөл бай:

  • Шарпкуланы алып кел, жана соога сурап кел,– деп Маңгыт деген уулун жиберди (Жумгалдан). Маңгыт Эшимканга (Тоңго) барган соң мындай деди:
  • Бул Шарпкула Түгөл байда экенинде кашаңынан Шарпкула болду эле. Мен сөөгүн тундуруп, үч жылы коё берип, жилигин туюктап минсем, канат жасап учканга чейин ылдам болду. Жана ат ээсин тапканда арбактанып, тулпар экенин ашкере кылды жана Текестен чыгып, ОлуяАтага күнүн барып, кайра Үрүктүнүн талаасынан аскеримдин алдынан чыктым, аны менен катар душманымды жеңип, намысымды алдым. Эми, күчүн деп Түгөл байдан алдым эле, эби келсе башын берсин. Бирок азыр мен алып калганым адамгерчилик эмес. Алып барып бергин,– деп Шарпкуланы Маңгыттан жетелетти да кан Турсундун кызын кошуп: «аяш атама алып барып бер»,– деп жөнөттү.

Шарпкула менен кан Турсундун кызын алып келгенде Түгөл бай элди жыйнап, тай союп, алиги кызды мага нике кыйгыла деп Түгөл бай алууга ой кылды.

Кыз туруп жанындагы бир кыздан сурайт:

  • Бул эл эминеге котолоп чогулат? – дегенде жанындагы кыз айтат:
  • Сени байга алып берет экен, ошого чогулган эл,– дейт.

Анда кан Турсундун кызы айтат, бетин чымчып:

  • Ушундай да билимсиз, көөдөк киши болобу? Ошондон бери (Тоңдон) бирге, болумдуу уул, бойго жеткен кыз жолдош болуп келсек, эрме талаа, ээн чөл болсо, кантип бой кошпой коймок эле деп ойлосо болбойбу? – деген экен.

Бул сөздү алиги кыз жеңесине айтып, жеңеси энесине айтып, энесинен элге угулуп, элдин бир даарынан Түгөл байга айтылып угулду. Анда Түгөл бай:

  • Кокуй эмесе, балдар болбой калган экен го. Балага нике кыйыңар,– деди да Маңгытка алып берди.

Кийин Эшимкан Олуя-Атага көчүп, элин чогултуп, улутуна барганда Шарпкуланы кайра Эшимканга берип жиберди. Ошо бойдон Эшимканга буудан болуп Шарпкула кала берет.

Эми ошол кан Турсундун кызынан туулган Маңгыттын балдары жогорудагы айтылган Сүйөркул баатыр, Казыгул Эсиркемиш дегендерди тууган. Ошон үчүн, энелери Катаган кызы болгондуктан бул үчөөнүн уругу – Катаган деп аталып калды.

Курманкожонун экинчи катынынан Жолболоттун уруктары

Жолболоттон Көчөбай, Досой – эки уул.

Көчөбайдан Элке, Эрмек – эки уул.

Элкеден Табылды, Байит, Үсөн, Үтөп – төрт уул.

Табылдыдан Алчын, Үңүр – эки уул. Байиттен Эсенаман, Атагожо, Байсал – үч уул.

Үсөндөн Итике, Кыдыр – эки уул.

Үтөптөн… Туугандары Чүй жана башка жерлерде.

Эрмектен Жапек… Кооман, Коной – үч уул. Жапектен Самтыр жалгыз.

Коомандан Байменде, Атабай, Абдыракман – үчөө, Конойдон тукум жок.

Самтырдан Карышбай, Мамыт.

Эми Кошойдон Маңдибай, Бердике, Сегизээк – үчөө.

Маңдибайдан Элтой, Үчкуртка – эки уул.

Бердикеден Талабай, Султан – экөө.

Сегизээктен Абылгазы, Шергазы, Жетикушчу.

Булардын уруктарынын атагын Котон деп айтат.

Котон деген себеби төмөнкүдөй:

Курманкожо экинчи катынынын боюнда бар чагында коё берген экен. Анда бир Эрмамат деген уйгур баягы катынды алып, Кашкарга алып кеткенде Сүйөркул баатыр намыстанып барып, Кашкардан издеп таба албай, Эрмамат өзү Котендик экен, Котенден катынды алып келет. Баягы боюнда кеткен бала Котенге барары менен туулган имиш, ошон үчүн атын Жолболот деп Сүйөркул баатыр коёт. Бала чоңойгондо Котенден келген болчусуң деп жүрүүсү боюнча Котон деп аталып калды.

Байталчы уругу

Ушул Котон (Жолболот) менен бир тууган, энелеш агасы Байболоттун уруктары ажыратылат.

Байболоттон Тилемиш, Тогузак – эки уул.

Тилемиштен Токтомамбет, Калча, Түлөгабыл – үч уул.

Тогузактан Муса, Эсенкожо – эки уул.

Эми булардын байталчы деген себеби.

Илгери жортуулчу баатырлар жылкы тийип келгенде мөөсүлү үчүн Байболотко өңчөй байтал, бээлерди берген үчүн Байболоттун тукумдарын «байталчылар» деп коюшту. Демек, качан болсо, мөөсүлдөн жылкымды өстүрөм деп, Байболот өзү каалап, жылкынын ургаачысынан алучу экен. Билбегендер кычы сөз менен башкача түргө жорушат…

Нусуп уругу

Нусуп бийден Сарсейит, Жанбото, Сурке, Туума – төрт уул.

Сарсейиттен Бекитай, Кутуке, Шыдыр – үч уул. Жанботодон Шамек, Чоткара – эки уул. Суркеден Акыл, Агышай, Таабалды – үч уул.

Туумадан Боромбай, Карымак – эки уул. Эми булардын тукумдары – төмөнкүлөр: Бекитайдан Бекмурат, Шапак, Ады, Бүргө – төрт уул.

Кутукеден Ажыбай, Араке – эки уул.

Шыдырдан Ногой, Шыгай – экөө туулат.

Шамектен  Кабыл, Абылкайыр, Бээрман – үчөө.

Чоткарадан Карасай, Байбача, Бекей – үчөө.

Адылдан Медей, Ырайымбек – экөө.

Таабалдыдан тукум жок.

Боромбайдан Кекилик, Кадыр, Садыр – үч уул. Эми Нусуп бий менен  бир тууган Токтоболоттун уругунан ажыратабы.

Токтоболоттон Солпу, Бектен, Кудаш, Манапбай – төрт уул.

Сокучу уругу

Курманкожонун бир уулу Түлөбактыдан Кожоберди, Бабачал, Тайлак, Сатыбалды – төрт уул.

Кожобердиден Назар, Арзымат, Темир, Тойчу – төртөө.

Бабачалдан Сарытай, Багыш – эки уул. Сатыбалдыдан Бөбүтөй, Үмөт – эки уул. Эми булардан таралган тукумдар: Назардан Бөлөкбай, Чыны – эки уул. Арзыматтан Качы, Чулум – эки уул.

Темирден Абайылда, Жообасар, Жоомарт, Түнгатар, Түнтө – беш уул.

Тойчудан Саке, Сатылган – эки уул.

Бабачал уулудан: Түлөберди, Найман – эки уул.

Бегиштен Назар, Черикчи – эки уул.

Кабылдан Сарыбай жалгыз. Булардын тукумдары Жумгал ичинде Сокучу деп аталат. Демек өзү чебер (Түлөбакты) ар дайым соку жасап кесип кылуу менен Сокучу аталды. Сокучулардын бардыгынан тукумдары бар.

Уруу менен уруулардын өз ара тартыштыгы жөнүндө

(сарбагыш, саяк ортолору)

Он сегизинчи кылымдын ичинде Саяктын бир уругунан (Чоро) Жанболот баатыр дегени болгон. Бул Жанболот баатырдын жылкысы Кочкордун бетинде, Айтактын чабы дегенде оторлотуп, жылкычылар ою менен жүргөн учуру. Мындайча айтканда кымызга мас болушуп, бир-бирлери менен тамаша түрүндө экиге бөлүнүшүп, кунан-тайлар жарыштырып, байгесине канжыга, тизгин сыяктуу майда нерселерди мөрөй кылышып ойноп жатышкан учурунда сарбагыш уруусунан эр Ниязбектин иниси (тууганы) Айдаке баатыр деген бир жакка жолоочулап бара жатып, жылкычыларды көздөй кымыз ичип өтүү үчүн кайрылган экен. Бул ортодо алиги тай жарыштырган жылкычылар дуулдашып: «Келиңиз, Айдаке баатыр!» – дешип, кымыз берип олтурушуп турганда, бир жылкычы келип:

  • Менин тайым чыкты, келе байгесин! – дегенде, мас болгон жылкычылардын бирөө туруп:
  • Мына байгең. Айдакени мөрөйгө сайгамын! – деп коёт экен. Ошондо Айдаке баатырга ызалык пайда болгон. Айдаке баатыр агасы эр Ниязбекке бул ызаланган ишин айтат экен. Ошондон бир түрдүү намыс туулуп, эр Ниязбек саяк Качыке баатыр, Медет датка дегендерге элчи (арачы) жиберген экен:
  • Жанболотту менин алдыма алып келип тартуу тартмак кылабы же болбосо кол жыйнап барып, Жанболотту чаап аламбы? Агер туруштук  берсе урушар жерин айтсын.

Жанболот Качыке баатыр менен Медет датканын тууганы экени анык. Ошон үчүн жооп берсин,– деген экен.

Бул сөзгө Качыке баатыр менен Медет датка эр Ниязбектен кооп кылышып.

  • Бул сөз ырас сөз экен. Албетте, Жанболотту алдына тартуу тартмагы менен алып баралы. Эр Ниязбек ызаланып, намыс кылбасын – деп, келген элчини узатты.

Эмки сөз Качыке баатыр менен Медет даткадан козголот.

Жанболотту чакыртып алып:

  • Сенин жылкычыларың бейбаш ооз экен. Кымыз ичебиз деп Айдаке баатыр кайрылса, тай, кунан чапкан кара жарышына мөрөй үчүн Айдакени байгеге сайдык деп коюптур. Бул сөзгө сарбагыштар намыстанып, жасоо курап жатат дейт. Албетте, Ниязбектин жасоосуна туруштук бере турган ал жок. Ошон үчүн тогуз ат алдыргын. Жылкың жакын эмеспи, алдына тартууга алып баралы,– дешет.

Жанболот баатыр макул алып, үйүнө барып, тогуз ат айдатып, Качыке, Медет датка менен жер болжошуп, болжогон жерине аттарды алып (жол боюна) жеткирет. Жанболот амал менен Качыке баатыр менен Медет датканы алдайт:

  • Баатыр, менин көйнөгүм үйдө калды эле, жуудуруу үчүн чечип таштадым эле,– дегенде:
  • Кокуй эмесе, сен бүгүн барып, көйнөгүңдү кийип, эртең эрте баланча жерге келе койгун. Биз күтүп туралы,– дешип, тогуз атты айдашып, жер моюндап (Кубакынын белине) барып жатышат.

Бул ортодо Ниязбек кабар угуп калган болот.

Жанболот көйнөк кийип келем деп Ак Учукка (үйүнө) келгени менен Айтактын чабындагы жылкысын жана айылын, элин жапырт көчүрүп, түн боюнча Нарын өрөөнүнө бет алып качат. Качыке баатыр менен Медет датка болжогон жер Кубакынын белине түнөп жата беришет. Ал кезде Ниязбектин айылы Чүй өрөөнүндө (жол арыгы тайгак да экен). Мына келет, ана келет менен эртеси да кечке жатышат. Эки күндөн соң бир жолоочу келип айтат:

  • Жанболоттун көчүнө мен учурадым. Чаар Арча, Килемээни ашып, Соң-Көлдүн Бешмойногунда кетип баратат, дегенде:
  • Кайыр эми, болбостур. Бизди алдаган экен,– дешип, тогуз атты айдап алышып, Качыке баатыр, Медет датка болуп барышат. Анда Ниязбек ойлоп:
  • Кантсе да сен Жанболотко бир ата жакын туугансың, ошон үчүн сен эле качырып жибердиң,– деп тартуу кылган тогуз атына ыраазы болбостон Качыке баатырды ызалап койгон экен. Демек, Кулжыгач, Чоро бир тууган. Кулжыгач уруусунан Качыке, Чоро уруусунан Жанболот тарап чыгат. Мына ошон үчүн ыза көрүп (сөгүү, тил угуп), таяк жеп алып, Качыке баатыр дагы ыза болуп, ичине намыс туудуруп үйүнө кайтат. Качыке баатыр картайган чагы болуп, Жанболот үчүн ыза болдум, намысымды жалпы саяк кууп алып береби? – деп жүрүп, көп жылдар бою теңдигин ала албайт. Бул ортодо Кулжыгач, Чоронун белдүү баатырларынын өлүп кеткендерин жоктоп арман кылып:
  • Эч болбосо Тайлак баатыр тирүү болсочу, намысымды кууйт эле! – деп, саяк урууларына кабар берген дейт.

Ошондо Жанболот Нарын өзөнүнө келип, бир чоң арыкты ээлеп (Куртка) жата берген. Качыке баатырдын кабары боюнча Жанболоттун баатыр уулу Кожоберди деген бир нече жүздөп кол алып, Качыке баатырдын үстүнө жөнөйт (Жумгалга). Жана бул кабар боюнча Кетмен-Төбөдөн өйдө чекте (саяк) Карашана баатыр деген бир канча кол менен келип, Качыке баатырдын үстүнөн көп кол Чүйгө бет алып, кыштын ала-шалбырт маалында жөнөшөт.

Көп кол узап кеткен соң Качыкенин Эраалы деген уулу ишенимдүү жакшы аты жок болгон үчүн кол менен бирге жөнөй албай, үйүндө калып калган экен. Бирок чыдап тура албастан, атасы Качыке баатырдын Маралтору деген атын суратып, Карабердиш деген инисин жиберди. Качыке баатыр Маралторуну кол чидер, бугу чылбырлуу ноктосу менен берип туруп осуят айтты.

  • Жоо-душман менен беттешкенде бугу чылбыр белинде бек курчанган болсун, кокус жыгылып калса ат ойноп, эч кимге карматпай үйгө келет. Болбосо жоо колуна түшүп кетет,– деген экен.

Ошону менен колдун артынан жөнөп Эраалы Каракыя, Сараласазда жете келди. Албетте, Шамшы суусунан келе жаткан жол-жолоочулар болсо байлап алышып, Ниязбекке кабар түшүрбөй жүрүп олтурушуп, түндөп Ниязбектин айылын басып, төө, уй, малдарын чаап алышат. Чүй өзөнү эрте көктөгөн себептен бардык жылкы, койлору Чүйдүн өйүзүнө – Каракоңузга кеткендиктен колдоруна жылкы тийген жок. Төө, уй (кара малдарды) сүрүп чыгып, бер жакка узатып койгон соң Эраалы Маралтору менен таң сүргөн  ченде Ниязбектин үйүнө барып:

  • Какбаш чал, жатасыңбы? Мен Качыкенин уулу Эраалы! Жылкыңды тийип алганы кол куралып келдик эле. Жылкың Каракоңузда экен. Уй менен төөлөрүңдү таптакыр тийип алып жолго түштүм. Таң куланөөгү болуп калды. Чамаң болсо малыңды ажыратып кал. Келбесең катыныңдын элечегин  башыңа салгын. Агер мен качкан бойдон кетип калсам – мен салынайын! – деп, үйүн найза менен бир чапты да Эраалы кайра тартып, жолго түшүп, Шамшынын оозундагы Агачактын желесине келип күтүп турушту көп эл.

Эр Ниязбек жасоолорун жыйнап, Сегиз бек наам алган балдары менен куугунга жөнөдү. Көбүнчө Эраалынын элечек кийишели деген шерти боюнча кайраттуу дем-күчтөрү менен колдун тосуп жаткан жерине келип, бет болду.

Албетте, илгерки элдин бузулбас эрежеси, канчалык өлүм алдында жоолашып жатышса дагы: «Жекеге!» – деген кыйкырык боюнча, аламан, тартипсиз уруш болбойт экен.

Адеп эл беттешкенде эле Ормон баатыр (Ниязбектин уулу):

  • Жекеге! Жекеге! – деп чакырып, ат ойнотуп чыга калганда саяктан Эраалы Маралтору менен качырып барып, Ормонду ыргыта сайды да байлап, колго түшүрүп алышты.

Экинчи «Жекеге!» деп чакырышканда Эраалыны Субая ыргыта сайды. Атасынын осуяты боюнча чылбырды белине байлаган үчүн кайта ыргып минип, Эраалы колго түшпөй кутулуп кетти.

Үчүнчү жекеде Субанды Кожоберди ыргыта саят. Бирок ал да ыргып атка минип кутулуп кетти. Ошону менен Ниязбек жагы туруштук бере албастан, жана малдарын ажыратып алмак турсун, Ормондон айрылышып, артка чегинип качышты. Жоо артынан Эраалы Маралтору менен кууса да, артыкча Ниязбекти көздөгөн менен, эч кандай Маралторуга Ниязбектин Чаар аты жеткизбейт экен.

Алыстап бир жерге барганда Ниязбек кылчайып:

  • Ой, Качыкенин уулу, тарт кайра! Өзүңдү атып салайын дейм – Ормонум колго түшүп калды. Минген атыңды атып салайын дейм – карыганда атаң жөө калат! – деп кыйкырса болбостон Эраалы качырат. Анда Ниязбек айтат:
  • Эмесе белиңдеги саадагыңды атып салам! – деди да курчанган саадагын ыргыта атты дейт. Ошондо Эраалы чочунуп кайра тарткан дейт.

Мына ушуну менен көп кара мал алышып, Ормонду колго түшүрүп Жумгалга келишкен имиш. Ормонду, албетте, колго түшүргөн соң Дөөлөт деген устага тапшырган экен, ар дайым байлоодо болсун, ит күнүнө түшүрүп, кордуктап багуу үчүн. Анда Дөөлөт дароо эле Ормон келери менен эки колун байлоо үчүн аракет кылганда айбаттанып, эрдин тиштенип, бир түрдүү ачууланган эрдиги менен Дөөлөткө тап берем десе Дөөлөт чоркоктугу аркасында барскан-балка менен Ормонду мурунга чаап жиберген имиш. Ошонун залдарынан мурдунун үстү бузулуп, кийин кан-жел болуп калган дейт.

Ормон ошону менен бир жылдан ашык убакыт колго туткун болуп жүрөт. Бул ортодо сарбагыштар эр Ниязбекке ар дайым келип:

  • Качыкеге тартуу алып барып Ормонду бошотуп келбейлиби? – дешсе Ниязбек эч кандай болгон эмес экен.

Демек:

  • Калган жети уулум болот. Ормонду бышырып жесин. Саяктын алдына тартуу тартып жүрөмбү,– деп койгон дейт.

Ошону менен Ормон жайы-кышы туткунда. Чачы өсүп, башын, бетин жапкан. Керектүү күндөрүндө элечек ороп уй саадыруу жана башка кордуктар менен асырап келди. Эки колу бири-бирине кадалуу бойдон, бутунда кишени менен Ормон баатыр качууну ойлоп, туткунга алып жүрүүчү Дөөлөт устанын колунан чыгып, түн бою буттагы кишени менен жылып, Былкылдактын сазынын туурасында (күңгөйүнө) бир суу жеп кеткен жаракага далдаланып жатты. Бир-эки күн турса ачкалык же болбосо кыйноонун залдарынан (бут сөөгүнө кишен өтүп, колун байлап кадаган темир өтүп) өлүүгө мүмкүн экен.

Ошол учурда катаган уругунан бир киши төө издеп жүрүп Ормонго учур келип, жашыруун түрдө антташып, Ормонду качырып жибермек үчүн, издеген төөсүн таштап, үйүнө барып жарак алып келип, колу-бутундагы кишендерди алып, бир нече күн эс алтып, тоюнткан соң, аттап-тондоп Ормон баатырды үйүнө жеткирет.

Ормон үйүнө барган соң бүтүн колуна тийген сарбагыш уруктарын уюштуруп, Чүй боюнан Кочкорго көчүп келүү менен катар саякка асыла баштайт.

Биринчиден, Айдакенин байгеге сайылышын, экинчиден, өзүнүн кордук көрүп, уй сааганын унуткус түрдө эсинен чыгарбай сактоо менен өзүнө караштуу элин (сарбагышты) чогултуп, эки-үч күн элге сөз айтпай эле, улам-улам калган-каткандарын жыйната берет. Акырында көпчүлүктөн бир киши ылгалып чыгып, Ормон баатырдан жооп сурайт:

  • Эки-үч күндөн бери чогулдук, сиздин эмне айтаарыңыз бар? – дегенде Ормон баатыр эл ичине басып келип:
  • Ой, журт! Менин айтаарым ушу – бир эле кызыл тебетей болсун! – деди да үйүнө кирип кетти. Ошону менен эл тарайт. Андан кийин бүткүл  сарбагыш жалгыз Ормонго баш коюп, Ормонду: «таана таш» деген эч ким болбойт. Кызыл тебетей болду да калды.

Муну менен Ормон күчүн жыйнаган убакта Кулжыгач Качыке баатыр шектенип, коркунучтуу болгондуктан Чорого жан тартып, Мынагелди, Макмал жайлоолоруна жайлап калган учурда Курмангожодон (Медет датканын элинен) отуз чаар ат тартууну Ормон алат. Себеби:

  • Мен жокто Соң-Көлдү жердеп жүрүпсүңөр, мындайча айтканда уурдап жайлаган экенсиңер! – деген гана колдон келет иш кылган. Ошону менен Ормон өтө локулуу, айлалуу жана эч нерседен коркпогон баатыр болуп, теңдигин кетирбеген бойдон даражасы уланып жүрө берет.

Кыргыздар орус падышасына карагандыгы

Ормондун заманында имиш-имиш орус келет дейт деген кабарларды угуп калган кез. Ал учурда Кокон кандыгынын сурагы алдында. Бирок, башаламан көпчүлүк Ормонго ооп калган. Орус Омбу деген жерге келип түшүптүр деген чын кабар боюнча көпчүлүк эми имине айла кылабыз дешип Ормонго акыл салат. Анда Ормон бир түрдүү амал ойлоп:

  • Кокон канына да, оруска да сурак бербесек,– деген акылды кылып, орустун келер жолун утурлатып элчи жиберет. Ал элчиге эч кандай кеп-сөз айтпастан, он койдун терисин өңдөтүп туруп бир малакай тебетей жасатып, атайын бир коштоо аттын белине тартып берип жөнөтөт.
  • Ушу тебетейди орустун улугуна алып барып тапшыр. Ким берди десе, Ормон берип жиберди, ар дайым башына кие жатчу тебетейи эле, сизге белек кылып берип жиберди. Кийип жатып жүрсүн дейт, деп гана айткын. Бөлөк эч нерсе дебе, – деп элчини жөнөтөт.

Элчи үч ай жол жүрүп Омбуга барып, орустун чоңуна тебетейди тапшырган соң орус бир түрдүү коркунучтуу ойго түшүп: «Бул тебетейди кийген кишини жер араң эле көтөрсө керек» – дешип, чын эле Ормондун айдыңы, чоңдугунан жолоп Омбудан бери өтпөй, үч жыл токтогон дешет.

Ошол учурда Кокон хандыгы тарабынан  кыргыздарга динди үйрөтүп, шарият жолдорун түшүндүрүп, ага ылайык шарият өкүмү боюнча үшүр зекет жана башка салымдар алуу үчүн молдо, кожолор куржунга китептерин салып, Ормондун үйүнө келип, намаздын тартиптерин түшүндүрүп конуп калган дейт. Анда Ормон: «Кантип намаз же болбосо китептеринин карала каттарын билебиз?» – деп, деңдароо болуп турганында молдолор эшикке даарат алганы чыгып кетсе, ордунан тура калып, куржундагы көп китепти буту менен тээп: «Кайсы бирин үйрөнүп билүүгө болот? Ушунун баарысы намазбы?» – деп, жана сүйбөгөндүк аркасында китептерди чачкан экен. «Сен молдо, кожо-сарт болсоң жана кокондуктарга сүйлөйсүң да, мага сүйлөбөйсүң», – деп молдолордун шариятына кулак салбастан Коконго кетирип жиберген дейт. Ошонун натыйжасында Кокон ханына бир далай (Ысык-Көл, Кочкор) элдерин өзү каратып алып, ханга сурак бербей жата берген. Жалгыз гана коркунучу орус болуу менен турган мезгилде, бугу урууларынын чабуулунда Ормон өлөт.

Андан кийин Ормон өлдү деген кабарды угуп, Омбудагы топтолуп жаткан орустар шыдыра келе баштап, адегенде Алматыга орун алып, калаа салып, жердик боло баштаган. Андан кийин Төрөгелди баатырга орустан белек үчүн бир кылыч келип, Ысык-Көл жана сырттагы кыргыздардын оруска багынышы жөнүндө нечен элчилер келсе да түздөн-түз сурак берүү иши болгон эмес. Башаламан толкундаган элдин бир жагы багынганды ойлосо да, бир жагы башка бир жакка көчүп, үркүп кетүүнү каалаган. Алалык мисалга: орустар Алматы, Чүй бойлорун ээлеп, Токмок шаарын тургуза баштаган убакта, жаки кече кийинчерээк Шабдан ыктыярдуу атрятка начандик болгон учурда узун сакал майырды бир нечен казак орустары менен ээрчитип, Жумгал, Кочкор жактарын уюштуруп, оруска багынтып, (каратып), Нарын өзөнү жана Фергана өзөнүнө бет алып келе жатканда Тайлак баатырдын уулу Осмон датка оруска сурак бербеймин деп, өзүнө караштуу элин көчүрүп, Кытайды (Кашкарга) карай көчөрдүн алдында жасоосун айрып туруп, камына утурлап (Тогуз-Тородо) Шабданды басып, узун сакал майыр терекке чыга качып, Баяке баатыр жана боркемик Ырайымбекти, Келдибекти кармап, колго түшүрүп, байлап кетет. Ошо бойдон Көгарт ашуусун ашып, Кулданбекти алкымы менен Кашкарга үркүп барып, он бир жылга дейре Кашкардан келбей, оруска сурак бербей турган. Акырында Мамыркан деген Осмон датканын уулун орустар ак үйлүүгө (туткунга) кармап жатуу менен он бир жылдан кийин бардык эл тегиз багынды деген кабар менен жана Мамыркандан атайы киши барганда келген экен.

Мына ушулар сыяктуу ар бир жер-жерлерде бир далай жылга дейре багынбоочулуктар көп болгон.

Эскертүү: Мамырканды адеп орус келип, Чүй боюна турук алганда Нарын өзөнүнүн болушу (волостной управитель) Калайбек аркылуу туткунга алынган. Ошол баласы ак үйлүүдө жатканына карабастан Осмон Кашкарга эли менен көчкөн.

…Ошол учурларда орус бадышасын, же болбосо орустун келишине бачым эле эл моюн суна койгон жок. Мисалы орус Орто Азияны багындырып алганда, Кокон кандарын жеңсе да, Алай тоолук кыргыздар өздөрүнчө кандык айрып алып, максатында оруска баш ийбөөчүлүктү ойлоп, бир кыйла жыл бүлүнүшкөн.

Мунун окуясы айрыкча узак аңгемелер менен жазылат…

Эң акырында Шабдандын отряд башчы болуп Ферганага баруусунда, Курманжан датканын жетекчилиги аркасында багынышат…

(Айткан Тоголок Молдо, жазган Чоробаев.)

 

ҮСӨЙҮН АЖЫ

КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫ

Автордон

Кыргыз улуту узун тарыхка ээ байыркы улуттардын бири. Бир улуттун келип чыгуу тарыхы, урууларга бөлүнүшү, турмуш жагдайы, салт-санаасы, маданияты жана диний ишеними жөнүндөгү илимдерди үйрөнүү, изилдөө маркстик коомдук илимдин зарыл бир бөлүгү. Улуу Ата Мекенибизде жашап келе жаткан кыргыз улуту узун тарыхка ээ. Бир улуттун байыркы замандан азыркы заманга чейинки тарыхын жазып чыгуу татаал иш болсо да, мен илим жолунда изденип жүргөн замандаштардын шыктандырышы, жардам бериши аркасында, талапкерлердин талабын кандыруу, ошондой эле аз болсо да кытай кыргыз элинин санжырасына чыйыр жол салуу үчүн бул илимий эмгекке киришип, узун жыл тер агызуу аркылуу колуңуздардагы «Кыргыз санжырасын» жазып чыктым.

Бул санжыра жазып чыгууда, алды менен кытайча, арапча, түркчө, уйгурча басма, жазма тарыхый материалдардын кыргыз улуту жөнүндөгү  эстеликтерине негиздендим. Жана бир тараптан «Манас» дастанын жыйноодон, эл ичинде санжырадан кабары бар карыялар: Улуучат ооданынан – Эшманбет, Абдракман, Өмүракун; Каражүл Шаңынан – Токтосун, Жапар молдо; Акчий ооданынан – Түкү, Эметакун, Мамбетаалы, Төрөкан, Жусуп, Султан Аалы; Актоодон – Жээнбек молдо, Мамбет, Айса,  Аким Шерип сыяктуулардын айткандарынан, ошондой эле Кыргызстан тарыхынан пайдаландым. Кайта-кайта салыштыруу, изилдөө аркылуу  айтылган аңыздарды бирдикке келтирип бул китепти жазып чыгып, журтчулукка бул илимий эмгегимди сундум, талаптагыдай болуп кеттиби же жокпу аны келечек көрсөтөр, айтор ушул илим жолунда изденип жаткандардын жана жалпы окурмандардын кемтик жерлерине пикир, сын беришин суранам.

Кыргыз улутунун келип чыгышы жөнүндө

«Санжыра» тууралуу кыскача баян

Санжыра же сажыра арапча «шежире» деген аталмадан келип чыккан. «Шежире» бир түп дарак деген сөз.

Баарыбызга белгилүү, дарактын тамыры бир болсо да, андан бир канча чоңураак бутак, ал чоң бутактан бир канча орто бутак, орто бутактан бир канча майда чырпыктуу бутак шыктап, айрылып чыккандай, адамдардын негизги түбү бир болсо да андан бир нече бала, ал балдардан бир нечелеген балдар айрылып урууларды, уруулар биригип улутту түзөт. Уруулардын жана улуттун келип чыгышы да дарактын шактап айрылышына окшогондуктан буга «шежире» деп наам берилген. Муну биз өз тилибизге багындырып «санжыра», сажыра» деп жүрөбүз.

Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү жөнүндө көз караштар

Кыргыз улутунун түп-негизи бар, бу түп-негиз жөнүндө бири-бирине окшобогон санжыралык көз караштар төмөнкүлөр:

  1. Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү (жылдызы) түрк деген караш. Башка элдердин санжырачыларынын айтышынча жана тарыхый материалдарга негизделгенде, түрк кыргыз улутунун түпкү дүмүрү экендиги анык. Түрк деген аттын кайдан келип чыккандыгы жөнүндө азырга чейин бирдикке келген көз караш жок. Тек гана, диний-тарыхый карашта Нух пайгамбар доорунда бүтүн жер бетин топо суу басып кетип, Нух пайгамбардын Хам, Сам, Яфас деген үч уулу, үч келини тирүү калганда башка кишилер бүтүндөй өлгөн экен. Яфастан 8 бала төрөлүп, чоңу Түрк экен. Бу аңыздан башка түрктүн дүмүрү жөнүндө илимий негиз жок.

Санжырачылардын айтышынча, түрктүн уулу Түтек, Түтектин уулу Дип Бакуйчан, Бакуйчандын уулу КүйүкЖан, Күйүк-Жандын уулу Алынчахандын уулу Муңгулхан, Муңгулхандын уулу Карахан, Карахандын уулу Огузхан, Огузхандан тарагандар бүткүл Азияга хан болгон экен, адилеттүү калкчыл хан болгондуктан 120 жыл өкүм сүргөн экен. Анын доорунда эл ичинде бейпилчилик болуп, койдун үстүндө торгой жумурткалаган заман деген ошондон калган экен. Анын өкүм сүргөн территориясы күн чыгышы Монголия, күн батышы Орол тоосуна чейин созулган болуп, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы бир жерди борбор кылып турган экен.

Огузхандын чоң катынынан Күнхан, Айхан, Жылдызхан деген үч уулу, кичи катынынан Көкхан, Тоохан, Деңизхан деген үч уулу бар экен. Булардын ар биринен төрттөн бала болуп, Огузхан 24 небере көргөн экен. Огузхандын ушул 24 небереси байыркы түрк урууларынын түзүлүшүнүн түпкү негизи болуп калган. Кыргыз ушул 24 неберенин биринен тараган. Деңизхандын урпагынан экендиги анык. «…Огузхандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле, кыргыздар анын уругунан эле. Могол, татар жана башка уруулардан от, суу издеп айбандарды багуу үчүн кыргыз журтуна барып кыргыз деген атты алды… Кыргыз эли төрөсүн энал дейт эле. Могол менен тажиктер падыша дегендей». Демек, Түрк кыргыз улутунун түпкү дүмүрү деген караш ар бир элдердин атактуу санжырачылары бирдикке келген караш.

  1. Кыргыздардын түпкү дүмүрү «кыргез» деген караш. Кээ бир санжырачылардын айтышына караганда, байыркы заман түрктөрүндө Калачхан аттуу бир хан болгон экен. Ал өзү сулуу адам болуп, чаар адамдарды көрсө жаратпай өлтүрүп,  баласы чоңойгондон кийин чечек чыгып  чаар болуп  калыптыр,  Калачхан буга арданып кандай кылышын биле албай турганда, вазири «балага 40 кенизек  (кыз – ред.)  кошуп, адам көрбөгөн тоонун арасына .алып барып таштайлы» деп масилет бериптир. Калачхан бул масилетке кошулгандан кийин, чаар баласын 40 кенизек менен адам көрбөгөн тоонун арасына алып барып «кыргез» деп таштаптыр. Алар тоонун арасын мекендеп, кырда кезип жүрүп бала-чакалуу болуптур, урпактары  көбөйүптүр. Жылдардын өтүшү менен «кыргез», «кыр киши» деген наам «кыргыз» деген наамга өзгөргөн.

«Кыргездер» «кыргыздын» түпкү дүмүрү, деген караш. Бул караштын жылдызы жана эле биринчи караштын жылдызына кошулат. Анткени Калачхан түрктүн урпагы.

  1. Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү – усундар деген караш. Ишеничтүү тарыхый материалдарга негизделгенде, усундар мурунтан эле Тяншандын жергеси менен Иле дарыясынын бойлорунда жашап, кийинчерээк азыркы Чүй дарыясынын боюнда олтурушкан көчмөн эл. Усундардын падышасы Унмаву Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги азыркы Чоңкызылсуу калаанын айланасындагы бир жерди борбор кылып турган, жуңголуктар муну Чиго мамлекети деп аташкан. Чиго деген аталма ошол кездеги кыргыздар деген сөз болучу.

Ундархан сулаласынын тагына капыстан кол салып, тынчтык бербейт. Туш-туштан куманын ичине чаап киришип, булаң-талаң кылып турушат. Хен сулаласынын падышасы Хенвуди ундардын чабуулуна тайлаша алчу өзүнө өнөк издеп, мыладиден 138 жыл мурун Жаңчян деген элчисин 300 жоросу менен Усундарга жиберет. Ушул учурда Усундар да Ундардын чабуулуна учурап турган. Бул учурда Ундар Усундарга катуу чабуул жасап, Усундардын падышасы Андорбайды өлтүрөт, журтун булаңталаң кылат. Андорбай өлөрүндө эми эле төрөлгөн баласы Күнбайды кийизге ороп талаага ыргыттырып жиберет. Муну көргөн бөрү баланы эмизип сүтүн берет, канаттуулар баланын денесине жармашкан курт-кумурскаларды терип жеп тургандын сыртында, эт, суу алып келип берет. Муну көргөн Ундардын падышасы айраң-таң калат, «ыйык» экен деп үйүнө алып кетет, бала өтө кыраан, акылман, баатыр болуп чоңоёт. Ундар анын колунан иш келе тургандыгын билип аскер башчысы кылып дайындайт, бир канча ирет салгылашууда кызмат көрсөткөндүктөн Ундар анын атасынан тартып алган жер-сууну, мал-пулду кайтарып берип, өзүн чепти коргоого коёт. Мына ушул себептүү Усундар менен Ундардын ортосунда зор кайчылык бар эле. Жаңчян андан жолго чыгып, Шынчаңга келет, Тарым дарыясын бойлоп жүрүп, Бедел ашууну ашкандан кийин Усундар оной эле жетип барат, бул учурда журтуна кайра келип, Ундар талкалаган кичинекей мамлекетин кайра калыбына келтирип жаткан Күнбай Жаңчянды кызуу күтүп алат. Анын алып келген соогаларын кабылдайт. Жаңчян менен бирге келген Малике Шинжүн менен үйлөнүп, падыша хен Уудиге күйөө болот. Ошондон баштап хен сулаласы менен Усундардын бабаланышы чыңый баштайт. Ошол кезде Усундар мамлекетинин 630 миң жан саны, 18 миң 880 машыккан аскери жана жетерлүү аргымак аттары болгон, согуштук курал-жарактары да көп болгон, көп өтпөй Хенвуди менен күйөөсү Күнбай биригип Ундарга чабуул жасап, бир салгылашууда эле Ундардын 60 миң аскерин колго түшүрүп алган. Ошону менен Ундардын күчү алсыздап парчалана баштады, көп бөлүгү Европага көчүп кеткен. Азыркы Венгрия (Онгирийа) мамлекетин ошолордон калган урпактар түзгөн. Калгандары жерлеринде кала берген. Азыркы моңгулдар, уйгурлар, кыдандар ошолордун урпагы деген божомолдор дагы бар.

Мына ошондон баштап Жуңго мамлекети менен Усундар мамлекетинин өз ара достугу, ишеними, жардамы дагы да күчөгөн. Усундуктар жуңголуктарды көптөгөн аргымак аттар менен камдаган. Жуңголуктар Усундарды көптөгөн жибек менен камдаган, өз ара кудалашуу, достошуу жүргөн.

Эми кээ бирөөлөр «Биз ханзуларга жээн болот экенбиз» деп айтып калышат. Бул кеп кокусунан чыккан кеп эмес. Усундун падышасы Күнбайдын Малике бийкечти алгандыгы, андан башка дагы Усундук жигиттердин ханзу кызын алгандыгы тарыхый чындык. Кылымдардын өтүшү жана согуш, башка себептер менен усундардын барчаланып башкаларга кошулуп кетүү, башкаларды кошуп алуу иштери көп болсо да, Усундуктардын урпагынан кыргыз улуту келип чыккан, мына бул батыш жана чыгыштын азыркы заман тарыхчыларынын бирдикке келген көз карашы. Эми Усундар болсо байыркы шахтардын урпагы, шахтар байыркы түрк урууларынын бири. Жана эле келип кыргыз улутунун түпкү дүмүрү – түрк.

Эми кээ бир тарыхчылар Усундарды казактын ата-бабасы дешет. Мунун тарыхый далили жок. Менин Усундарды кыргыздардын ата-бабасы дешимдеги багытым мына бул: Усундар борбор кылып турган «Пиго» деген жер азыр кыргыздар жашап жаткан Ысыккөлдүн чыгыштүштүгү болот. Аны азыркы эл «Кызыл суунун базары» дешет. Ханзу тарыхчылары бул жерди «Кызыл коргон» деп жазып жатышат.

«Кыргыз» деген аталма жөнүндөгү көз караштар

Жогоруда «кыргыз» деген этнографиялык аттын байыркы заманда эле бардыкка келгендигин баяндап өттүм. Эми ушул аттын кандай келип чыккандыгы, эмне маани бере тургандыгы жөнүндө кыскача токтолом.

Бул жөнүндө элибиздин, ошондой эле башка элдердин илим ишмерлери көптөп баш катырып жатат. Алар «кыргыз» деген аталма «кырк кыздан» келип чыккан деген көз караштан көчкөндөн кийин, изилдөө түйүнүн башка жакка бурду. Алардын «кыргыз» деген аталманын кандай кылып чыккандыгы жөнүндөгү көз караштары төмөнкүлөр:

  1. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген аталма «кырк йоз» (кырк уруу) деген маанини билдирет дешет. Бул Радловдун көз карашы болуп, атактуу тарыхый дастаныбыз «Манаска», дагы «кыргыз-кырк уруудан куралган» деген сүрөттөмөгө шайкеш келет.
  2. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген атама 40 сандан келип чыккан, Европалыктарда 12 сан, моңгулдарда 9 сан ыйык эсептегендей, түрктөрдө да 40 сан ыйык эсептелет, демек «кыргыз» деген атама «кыркка» «ыз» деген көптүк уландысынын жалгангандыгынан келип чыккан дешет.
  3. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген атама «кыргуз» дан келип чыккан дешет. Алар «гуз» деген атама болуп, алгачкы уруулардын ууздай уюгандыгын билдирет. Уйгурлар да мурда «9 огуз», «1 Огуз» болгон  дешет. Татардын тарыхчысы Ремзи өзүнүн чыгармасында «кыргыздар  асылы Огузхан урпагынан болгон түрк урууларынын бири. Ал Огузхандын жакын командарынын уругунан эле, «гуз» «огуздун» кыскартылмасы. Мындай болгондо «кыргыз» деген аталма болсо кырларда жүрө турган  «гуздарга» таандык бир  аталма болот. Мейли кандай болбосун «кыргыз» демек кырдагы «гуз» дейт.
  4. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген аталма «кыр кер» деген сөздөн келип чыккан «Кыр» деген аталма кыргызча тоонун башы, жонун билдирет. Бул эл тоолорду кезип көчүп жүргөндүктөн «кыр кез» ге өзгөргөн дешет. Муну изилдөөчүлөрдүн көбү туура көрөт. Кыргыз тарыхчысы Осмонаалы менен уйгур тарыхчысы кашкарлык Эмир Асан казы (1985-жылы дүйнөдөн кайтты) бул көз карашты туура деп карайт.

Мен дагы ушул караштамын. «Кыргыз» деген аталма «кыр кез» деген сөздөн келип чыккандыгы анык.

  1. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген аталма «кыр кес» деген сөздөн келип чыккан дешет. «Кес» деген уланды мүчө фарсча «киши» деген маанини билдирет.
  2. Кээ бирөөлөр «Кыргыз баатыр эл. Жоокер эл. Ошол үчүн бул элди кырып түгөтө албайсың. «Кы кыз» деген аталма «кыралгыс» деген мааниде, дешет. Бул өтө тайыз божомол, негизи жок. Анткени, «кыргыз» деген этнографиялык ат кыргыздар таптык коомго кире электе, кыргынчылык согуш боло электе эле пайда болгон.

Жогоруда «кыргыз» деген аталма жөнүндөгү түрдүү көз караштар менен өзүмдүн көз карашым үстүндө токтолуп өттүм. Төмөндө кыргыздардын байыркы мекени жөнүндө токтоломун.

Кыргыздардын байыркы мекени

Кыргыз улуту жана анын мекендешкен журту байыртан эле ханзу калкына айкын болуп келген. Байыркы заманда алар кыргыздарды кигүн, жанкү, хакас шакас, жего, хого, зиго, желкис, бойрот деп атап келишкен.

Ханзуча жазылган ишеничтүү маалыматтарга негизделгенде, кыргыздар Сүй сулаласы доорунан кийин, азыркы Алтайдын түндүгүндөгү Энесай дарыясынын башкы агымынын бойлорунда жашап, бул доордо эки ирет хандык курган. Кыргыздардын биринчи хандыгы 51 жыл мурун ундар жеңилген мезгилде курулуп, 3-кылымга чейин созулган. Андан кийин Сырттар Доштардын кол астында, андан кийин Сиянпы түрктөрдүн карамагында, андан кийин көк түрктөрдүн кол астында болгон. 6-кылымдын аягына келгенде кыргыздар күчөп, мамлекет курган. «6-кылымдын аягында кыргыздар өтө күчтүү өкмөт уюштуруп, анын чек арасы чыгышта Байкал көлүнө чейин, түштүктө Чыгыш Түркстанга чейин кеңейген… 758-жылы кыргыз падышалыгы уйгурлар тарабынан жоготулду. 840-жылга келгенде уйгур өкмөтү алсыздангандан кийин, кыргыздар кайра өз алдынча боло баштады». Кыргыздар ушул убакта уйгурларды бүтүндөй Энесайдан Шынжанга кубалап чыгып, алардын азыркы Шыңжанда болушуна себепчи болгон. Ошондо уйгурлардын ойрондолушуна себепчи болгон киши уйгурлардын Гөлбага деген аскер башы кыргыздар менен тил бириктирип, кыргыздардан 100 миң аскер баштап барып, уйгурларды талкалап Шиңжанга кубалаган. Токсун, Турпандагы уйгурлар буга толук күбөө. Ошондо Шиңжанга качып келген уйгурлардын арасында кыргыздар да болгон, ага мисал Турпан, Токсундага уйгурлардын тил аталмаларында кыргызча сөздөр да бар.

Тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыздардын байыркы Ата Мекени Энесай. Энесайдын маанисине келсек, сай же чай деген аталма байыркы түрк тилинде дарыя деген угумду берет. Кыргыздардын орчундуу көпчүлүгү мына ушул  Энесайды, сырт жана чыгыш Тяншанды да мекендеген. Аз сандагы бир бөлүм кыргыздар Талас, Бухара, Категин айланасында жашаган. «Кыргыздар уйгурларды Энесайдан Шиңжанга кубалап чыкканда түштүккө карап илгерилеп, 840-жылдын баштарында Анши (Кучар) Беш Балктарды басып алган…

Кыргыздар бул жайларда өтө актип белсендүүлүк менен кыймылга келген».

Кыргыздар жөнүндө алгач ирет китеп жазган орустун атактуу маманы В. В. Бартольд (1869–1927-жыл) фарс тилинде жазылган «Худудол аалым» («Дүйнөнүн чек аралары») деген китебинде келтирип мындай жазат: «Кыргыздардын бир бөлүгү 9–10-кылымдарда Тяншандын батышында эмес, балким анын чыгышында көчмөндүүлүк менен жашаган… Ошол убакытта Үчтурпан, Аксууларда дагы бар эле.

…Кыргыздар Аксуу жактарда уйгурлардан кийин бийлөөчүлүк кылат эле» жана «Орто Азияда кыргыздардын Кутчу, Асеке деген эки уруусу бар эле».

Араптардын атактуу тарыхчысы Ибин Халдун (13231406) чыгармасында «Кыргыздар эки орунда – бири түндүктө, бири түштүктө жашаган» деп жазат. Демек байыркы кыргыздардын бир бөлүгү Энесайда жана бир бөлүгү Тяншандын чыгышында жашагандыгы анык.

Ханзуча тарыхый материалдарда байыркы заман кыргыздары азыркы Комул, Курчандын батыш тарабында, Тяншань тоолорунун, Кара шаардын чыгышында жашагандыгы жазылган. Муну эл оозунда айтылып келе жаткан сөз жана аныкталган далил менен салыштырганда чындыгы далилденип турат. Маселен, азыркы Кара шаардын түндүгүндөгү Балгынтай өрөөнүндө көптөгөн моло кабарлар бар. Буларды жергиликтүү моңгулдар кыргыздардын кабырасы дешет. Азыр да кыргыздардын кабырасынын белгилери бар. Үрүмчүнүн Нансан жайлоосун казактар «Эрен кабыра» деп аташат. Мындай аталышы байыркы заманда бул жерде кыргыздар жашаган. Алардын Эрен деген бир баатыры болуп, жердин аты ошонун атына коюлган, дешет. Тарыхый эстеликтерге караганда, Эрен кабырадагы кыргыздар 1643-жылдары бул жерден батыш Тяншанга көчкөн. Лопнурдагы кыргыздар ошолордун калдыгы болуп, атактуу Радлов менен Малов алардын тилин текшергенден кийин, анык кыргыз тили экен деп бекиткен. Азыркы Токсун ооданынын Чоң жылдыз, Кичи жылдыз, Тойболду деген жерлерине өз убагында орундашкан кыргыздар азыр башка эл менен аралашып кеткен. Бул жерге орундашып калган кыргыздар илимий багыттарга караганда Энесайдан уйгурларды кубалап келип, кийин  кара кытайга багынып туруп калгандар деген караш бар.

Бухара, Талас, Каратегиндерде кыргыздардын жашагандыгы жөнүндө жогоруда айтылган Бартольддун пикиринен башка араптын тарыхчысы Утбынын (1050-жылы дүйнөдөн кайткан) чыгармасында, араптар Орто Азияны басып алганда (8-кылымда) алар менен жерлик калктардын ортосунда көптөгөн кандуу согуштар болгондугун, бул согушка катышкандардын ичинде, көзү кичине, ээги кууш, чокчо сакал кишилер айрыкча баатырдык көрсөткөндүгү сүрөттөлөт. Мамандар кебете-түспөлүнө карап, бул баатырдык көрсөткөн элди кыргыздар деп бекитишет.

10-кылымда Орто Азиядан азыркы Ирактын борбору Багдадга барып калып, ошол убакытта күчөп жаткан арап халипалык (халифат) өкүмөтүнө баш вазир болуп чоң укук ээлеп турган салчук (селжук – ред.) түрктөрү дегендер болгон. Азыркы заман мамандарынын изилдөөсү боюнча алар кыргыздар делет. Американын чыгышты таануу маманы Лосирип мындай жазат: «Орто Азиядан көчүп келген, теги кыргыз уруусунан болгон салчуктар жетип келгенден кийин, ислам эмпираторлугу жаңыдан гүлдөнгөн, күчтөнгөн маданиятка карай баскан мамлекетке айланды».

Тарыхый эстеликтерге негизденгенде, Чыңгызхан 1220-жылы Бухараны басып алганда, ал жердеги кыргыздардын төрөлөрү Орус, Энал, Мамок, Тайбога дегендер Чыңгызханга багынгандыгын билдирип, өзүлөрүнүн ордун сактап калган. Бул кезде Энесайдагы кыргыздар Орто Азияга көчүп келе элек болуп андан башка, азыркы Монголиянын батышындагы Хаңчай тоолорунда да кыргыздар жашаган. Ал жерде кыргыздардын атына коюлган «Кыргыз көл» деген көл бар. Мына ушул кыргыздар түрлүү себептер менен 14-кылымдан баштап Хаңчай тоолорунан Памир, Тяншанды көздөй көчө баштаган. Эң акыркысы Жуңгар кандыгы 1803-жылы зордук менен көчүрүп Ысыккөл, Тяншанга алып келгенден кийин, алардын көчүшү аякталган. Ал жерде калып калгандары айрым улут болуп түзүлүп, азыр «Хагас» деп аталып жатат.

Жогоруда кыргыздардын байыркы заманда жашаган мекенине токтолдум.

Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү

Кыргыздардын орчундуу көпчүлүгү Энесайды мекендеп жашагандыгы, өкмөт куруп айыл чарба, кол, өнөр-жай маданиятын өркүндөтүү негизинде жазуу колдонгондугу, анда колдонгон роник жазуусу Орхун-Моңгу таш эстелиги. Талас моңгу ташы сыяктууларда жазылып, азыр да сакталып тургандыгы баарыбызга белгилүү.

11 – 12-кылымдарга келгенде, ички Дуңбий жактан чыккан Ши Лйав (Кара кытай) деген эл кыргыздардын журтуна келип аралаш жашай баштайт. Кара кытайлар кыргыздарды бүлдүрө чаап чачылдырат. Анын аркасынан эле Чыңгызхандын кыргыздарга салган кордук-зулуму Кара кытайлардан ашып түшөт. Чыңгызхан кыргынчылык, басымдарлык чабуулун алды менен кыргыздардан баштап, 1207-жылы чоң уулу Жүжини жиберип, кыргыздарды кыргын кылат. Чыңгызхан өзүнүн өлөр 1227жылы жана бир ирет чабуул жасап кыргыздарды кырып, өзүнө багындырат. Муну менен кыргыздар өзүнүн мамлекетин жоготуп эле калбастан, сайда саны, кумда изи калбай туш-тушка таруудай чачылып качат. Энесайдан калган жана бир бөлүк кыргыздар 14-кылымда муңгулдар менен болгон согушта жеңилип, ал жерден качкан бойдон батыш Тяншань, Ысык-Көл, Таластарга келип орундашат. Буларды бул жерлерге Эсенкул деген киши баштап келген. Мына ушундай аянычтуу кыргынчылык абал астында, кыргыздардын байыркы урууларынын аты бүтүндөй жоголуп, кишилердин эсинде сакталып кеткен. Жогорку аянычтуу окуялар кыргыз элинин жүрөгүндө зил болуп сакталып, урпактан урпакка кала берген, акырында атактуу баатыры «Манасты» дүйнөгө келтирген. Байыркы уруулардын аттары Чыңгызхандын кыргыны менен кошо өчүп кеткен. Кутчу, Кытай сыяктуу эки-үч гана уруулардын аттары сакталып калган. Кыргыздардын азыркы бар уруулары Чыңгызхандан кийин пайда болгон. 1495-жылы жазылган «Тарыхтар жыйнагы» деген парысча китепте кыргыздар ошол кезде эле, мындайча айтканда 15-кылымдын аягында, оң, сол деп экиге бөлүнгөндүгү айтылган. Оңго Ак уулдан тараган 30 уул жана Солосбек, Богачы деген уруу кошулгандыгы, солго биз айтып жүргөн сол уруулары (ичкилик) киргендиги жазылган. Ошондой эле кыргыздар 1127-жылы оң, солго бөлүнө баштагандыгы айтылат.

Мына ушул пикирге караганыбызда, кыргыздар 12-кылымда эле оң канат, сол канат деп 2 жакка бөлүнүшү кыргыздардын урууларга бөлүнүшүнүн негизги жылдызы экендиги анык.

Эми Осмонаалы молдо өзүнүн тарыхында, кыргыздардын уруусун Чыңгызхандын убагындагы Долон бийге чейин болгон 28 ата менен туташтырган. Мунун кайнарын кайсы жерден алганы белгисиз, биздин изилдөөбүзчө кыргыздар Долон бийге чейин 3 миң жылдан артык убакыт өткөн, мындай узун мезгилде, 28 ата өтүшү акылга сыярлык эмес.

Атактуу санжырачылардын айтып беришине жана материалдарга негиздегенде, Чынгызхан 1227-жылы кыргыздарды кырганда көбү бытырап чачылып ар кайсы элдерге сиңип кетишет. Ошол кездеги кыргыздардын аксакалы Долон бий эгиз баласын ээрчитип, качып кутулуп, батыш Тянь-Шанга келет. Ал киши азыркы Кыргызстандагы Нарын менен Кочкор арасындагы бир белде дүйнөдөн кайтат. Бул ашуу азыр дагы Долон ашуусу делет. Андан Ак уул, Куу уул деген эки эгиз бала калат.

Бул эки баладан таралган уруулар сырткылык «Отуз уул» -деп аталган. Булар бүтүн түндүк кыргыздардын азыр бар уруусун түзүп чыккан.

Түштүк тарапка орундашкан кыргыздарды кырк уулдун 10 уулунан таралган деп, бул он уул ичкилик (кыпчак) деп аталган. Булар Долон бийдин балдарынын бутагына кирбейт. Нараак жактан кошулат. Азыркы тарыхчылар болсо кыпчактарды кыпчак кандыгы таралганда анын бир бөлүгү качып кыргыздардын ичине келип аралашкан деп карашат, кыргыз санжырачылары кыргыздан таралган дешет, эми Долон бийден Ак уул, Куу уул, Ак уулдан Адигине, Тагай эки уул, Наал аттуу бир кыз туулган. Адигинеден Анжиян кыргыздары таралган. Тагайдан Богорстон, Кылжыр, Камача, Черик, Саяк деген алты уул, Наалдан Моңолдор деген уруу таралган. Буларды оң деп аташат.

Куу уулдан Кутчу, Чоң багыш, Кытай, Саруу, Мундуз, Базыс, Нойгут жети уул болгон, алар жети чоң урууга таралган. Буларды сол деп аташат. Мындай оң, сол деп аталып калышындагы себеп: Энеси Ак уулду оң бөйрөгүмдө жаткан, Куу уулду сол бөйрөгүмдө жаткан дегенинен оң, сол деп айтылып калган.

Тагайдын Богорстон деген уулунан солто уруусу, Койлон деген уулунан жедигер уруусу, Кылжыр деген уулунан сарбагыш, бугу эки уруу таралат. Сарбагыштын өз аты Орозбакты, Кылжырдын өз аты Маметбек (мойну кылжыр болгондуктан Кылжыр деп аталган). Тагайды өзүбектин Кадырхан деген (1451-жылы өлгөн) күчтүү ханы ак үйлүүгө көчүрүп барып Көлөп (Куляб) деген шаарда бир канча убакыт токтотуп койгон экен. Ошол жерден бир аял алып андан Саяк туулат .

Эскертүү: Көлөп деген жер азыр Тажикстандагы бир жердин аты. (Ал жердин айбаны өтө зор болгондуктан чоң топозду көлөпкө деп аташат, бул кеп ошондон чыккан).

Эми Карачаханды өз убагында эли хан шайлаган экен. Ал өлгөндө баласы жок болгондуктан жаш катынынын иниси Черикке алып берет. Мындан бүтүн черик уруусу таралган. Черикти кээ бир санжырачылардын айтышынча Тагай бий нойгут Карачаханды чапканда баласын бешиги менен олжолоп багып алган, ал чердейген карды чоң тоголок бала болгондуктан атын Черик койгон дешет. Санжырачы Атанбек «Жок, көрөр көзү кичи катынынын баласы» дейт. Кандай болбосун Черик сыймыктуу, урматтуу болуп чоңойгон. Тагай бийдин алтын туусу дагы Черикте калган. Санжырачылардын бардыгы алды менен черик уруусун таратат.

Черик уруусу

Чериктин Назарбай деген жалгыз уулу болгон. Черик жалгыз туума уулума жалгыз туума кыз алып берем деп, Жаманак деген жалгыз кызды алып берген экен. Кийинчерээк ал эл бийлей турган баатыр аял болгон. Кийинки убакта Черик колун чакырганда, Жаманак байбиченин наамын атап ураан чакырып, кол баштап жөнөгөндө көрүп тургандар (башка элдер) аны жаңылыш укканбы же бир урууну бир уруу кемсинтиш үчүнбү Черик «таман ак» деп иттин атын атап ураан чакырып кол баштады, деген ылакап мына ошондон калган экен.

Назарбектин Кудайкул, Кудайберди, Тайчык үч уул болуп, Кудайкулдан Ботош, Ботоштон Молдо, Куба – эки уул, Молдодон Сарча, Асанбек, Болкой, Желдең, Мамак, Абык, Калпа – жети уул болгон. Алардын уруусу атасы черик болгондуктан ошондой аталган. Тагай бийдин алтын туусу Сарчада калып, кийин Чапканкыяда жүгү кулап, сууга агып кетип жоголгон.

Эми Кубанын байбиче катынынан Узун калпак, Бакты, Күпчөкөй, Кызыл тукуму – 4 уул. Кызыл тукуму Каражороду, Байкал деген эки бөлөккө бөлүнөт. Узун калпактын өз аты Арзыкул бий экен. Кары бою узундуктагы калпак кийүүчү экен. Ошол үчүн узун калпак аталган. Арзыкул бийдин Кошуруй Тилемчи деген иниси бар экен (кошуруй сулуу деген  мааниде), ал жоокерчиликтин биринде ок тийип өлүп бешикте жаш баласы калат. Аялы эки жыл жесир олтурат, ал кезде келинди кайнагасына алып берүүнү намыс көрүүчү экен. Көпчекей кызыл тукумдар жаш экен. Ал аял Кашкарды сурап жаткан кутчу ханы Кубаткандын карындашы экен. Аял акеси Кубаткандын күчүнө сүйөнүп баласын алып акесинин жанына кетет экен. Хан Кубаткан баланы багып, атын Бакты коёт. Бала ошол жерде чоңоюп, 15-16 жашка киргенде бир теңтуш бала менен урушуп калат. Ал бала Бактыны «Атасы жок асыранды кул», «кул» деп коёт. Бала энесине келип «Менин атам ким?» деп бекем туруп алат. Атаң хан Кубаткан, десе дагы ынанбайт. Бала болбой туруп алганда энеси «Мен ал кишинин атын кантип айтам, Аксай жайлоосуна барсаң  үлүш болгондо кары бою калпак кийген, ак кементай жамынган, ак боз ат минип, чылбырын мойнуна түйүп алган бир адам бар, эгер жыйын болгондо ал киши дайыма мүзүлгө отурат. Аш-тойдо ал адам келмейинче тамак тартылбайт. Атаң ошол киши», деп белгисин айтып берип, баласын жабдып, бир жолдош кошуп жолго салат. Алар Аксайга келгенден кийин бир тойго келсе, куду энеси айтып бергендей бир адам кийинирээк келет экен. Ал кишини ак сакалдар менен бирге үйгө киргизип, жана алыстан келген мейман деп баягы балдарды дагы ошол үйгө кошот, алар менен эт тартат. Эт жеп жатканда бирөө «Балдар силер Арзыкул бийге эт туурап бергиле» дейт. Эки бала жеңилденип, чапандарын чечип эт туурай баштайт. Айтса энеси баласына Тилемчинин күмүш кемерин курчап берген болучу, эт жеп  жатып Арзыкул бийдин көзү балага түшөт. Баланы тааныйт да, улам-улам карап коюп олтурат. Этти жеп болору менен эле Арзыкул бий өңгүрөк атып, ыйлаганча барып баланы кучактай жыгылат. Бийдин эси ооп,  эс алганда өзү окуяны түшүндүрөт. Бала дагы издеп келгендигин айтат.  Баланы колуна алып жүргөндө кийинчерээк Кубаткан намыс кылып, Арзыкул бийди Кашкарга айдатып барат. Казынын алдына түшүшөт. Казылар Арзыкул бийди «Бала сеники болсо жан берип ал» деп касамга буйрат экен. Акыры айласы кетип амал кылалбай жан берип баланы колуна биротоло алып үйүнө кайтат экен. Арзыкул бийдин байбичеси «намыс деп жан берип койдуң. Эрди намыс өлтүрөт болдуң. Сенин тукумуң аз болот, бата балага кетти, баланын тукуму, урпагы көп болот» деген экен. Айткандай баланын тукуму көбөйдү. Ошондон Чериктин көп уруусу тарады. Өзгөчө Токтобайдын Ажыбеги кеңири белгилүү.

Токтобай кедей киши болуп, жалгыз чаар бээси бар экен. Өзү кушка жакын болуп куш салчу экен. Бул кишиден – Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек төрт уул. Булардын баарысы кыйын чыгып, өз убагында Токтобайдын «4 кашкасы» деп аталган. Артыкча Ажыбек баатыр чыгып казак, кыргыз жана башка элдерге даңкы чыккан экен. Бул кишинин элди асыроо-коргоо жөнүндө көп баатырдык окуялары болгон. Аларды кыскартып бир гана «Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы» деген окуяны баяндайбыз.

Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы

Бир жылы боз кыроо мезгилинде, бир аш болгон экен. Ашка келген аксакалдар ылганып, чоң үйгө киргизилип, табак тартылат. Эл эт жеп болгон кезде төмөнкү табактагы бирөө далыны колуна кармап, айнегин карап калганда, төр жакта олтурган Артык бакшы деген карыя далыны карап чочуп кетип: «Иним, далыны тез отко салчы» дегенче өзү талып жатып калат. Эл аны таштап кете албай, жардап олтурушат. Бир кыйладан кийин эсине келгенде буулугуп-кыйналып: «Капырай, Артыктын жаны не секирет мынчалык» деп өзү менен өзү сүйлөшөт. Эл аксакалдарынын бирөө «Олуям, эмне көрүп, эмне билдиңиз, элиңизди кабардар кылыңыз» дейт. Артык үшкүрүп, кеп баштап: «Ушу быйыл Какшаалдын башы ылдый бир кара сел өтүп, көп кишилер бул селден аман калбай бирге кетти. Кайран Ажыбек баатыр дагы бирге кетти, мен дагы бирге кетем го!» деп кебин токтотот. Эл унчукпай кайгыргандай болуп, аста-аста таркашып кетет. Айткандай, ошол жылы кыш мезгилинде эл арасында тумоо-бучкак жайылып, кара чычкак оорусу көп болуп, кыйла кишилерге кошулуп Артык бакшы дагы өлөт экен. Ажыбек баатыр дагы ооруп, кара чычкак болуп, жатып калат экен. Алгач ирет Ажыбек баатыр «Мен же кылычтан же найзанын учунан өлбөй, кантип эле ушул кемпир өлчү кара чычкактан өлөйүн» деп сүйлөчү экен. Кийинчерээк ажыздашып калганда, тууган-уругун, элижуртун чакыртыптыр. Ажыбектин балдары Абыл, Асан, Абдраман, агалары Жабагы, Смайыл, инилери Арыстанбек, Турдуке, Жакып, Ашымдардын бардыгы келиптир. Анда Ажыбек: «Мен бул оорудан сакайбайт окшоймун. Менде үч арман калды. Бири, Чоко кара Бердиш менен Кашкар, Тегирментилерге кетип бара жатсам Жаангир кожо Кашкар шаарын өзүмө каратам деп, бир нече көп кыргыздарды баштап келип, урушуп аларды кырдырып жеңилип качкан экен. Манжу аскерлери кууп келишиптир, бир канча мезгилден кийин кайтып келе жатсак алар Жаангир кожону кармап алышыптыр. Кожо бизди карап «кутказсаңар» дегендей болду, ошолордун колунан Жаангир кожону ажыратып алып, Бейжиндеги ханга өзүм тартуу кылып алып барайын десем, Бердиш болбой койду. Кийин уксам ал сыймык Кучарлыкка кетиптир, кап! Экинчиси, сарбагыш Ормон менен дос элем. Аны бугулар колго түшүргөндө, бир кашык канын сурасам да бербей өлтүрүп койду. Ысык-Көлдүн боюнда бугу менен бир беттешсем арманым жок эле, андыктан менин ашыма оңду-солду чакыргыла, катын бугуну чакырбагыла. Үчүнчүсү, найзанын учу же балта-кылычтын мизинен өлбөй, кемпир өлчү кара чычкактан өлө турган болдум. Кап!» деген экен.

Ажыбек жан үзөрүндө ар кимиси келип «баатыр, биз кантебиз» дешет. Баатыр кабагын чытып ызгарлап кеп айтат. Эшиктен кирген эле жерде,  башын жерге алып ээрдин үстүндө Турдуке олтурган, ар кимиси «сен барчы»,– дешти. Турдуке барып бетин ачып «Ага, кебиң барбы?» деди эле, Ажыбек «сен  кимсиң?» деди. «Мен Турдуке» дегенде Ажыбек баатыр «Ой сары мышык, сен калган эл-журтка баш-көз болуп туралар бекенсиң, эми кантер экенсиң», деши менен жүрүп кеткен экен. Ажыбек баатыр 1856жылы жазга жуук Куулаган деген жерде өлөт экен. Кийинки жылы бүтүн чериктен аттуу-баштуулары кеңешип, Ажыбектин ашын Чериктин ата-бабасынын жайлоосу болгон Аксайдын кыр жакасында өткөрмөкчү болуптур. Ашка оң менен солдогу бүтүн кыргызды чакырмакчы, Турдукени Ажыбектин ордуна баатыр шайлап, ашты башкартмакчы болушуптур. Бирок Турдуке көркөмсүз киши болгондуктан, жүз баштуу үйдөн экини бир ооздон кире турган кылып учкаштыра тигип, аны салтанаттуу жасап, көрктүү үйгө аны жаткызып, кишиге көрсөтпөс болушту. Үйгө өзү көркөм, сулуу болбогондуктан Абдраман жатмакчы болду. Баатырга кеп-сөзү бар, көрүшө турган кишилер келсе, Абдраман ишин бүтүрүп жандырып турсун, баатыр менен көрүшүп чыгайын деп Абдраман төркү үйгө чыгымыш болуп кайта жооп кайтарып турсун, кызыл манат кийген, кылычын кыя байланган, колуна кыска туу найза кармаган 30 жигит үйдү тегеректеп күзөт кылып турсун, ашты салтанаттуу өткөзөлү, ашка оң менен сол келет, ичи бузук да келет, ичи түзүк да келет, ошондой берели, деп кеңешет да, бүтүн оң менен солго чабаган жиберет. Бирок бугуну чакыртпайт.

Бүтүн черик Аксайдын кара жакасында Тармал саз деген сазга коно баштайт. Эл келе баштайт. Элди мурунку кеңеш боюнча башкарып, ашты өтө зор шаан-шөкөттүү өткөрөт. Ашты салтанаттуу өткөрүп, эл тарап болгондо, чериктер кайра көчүп Какшаал ылдый жөнөшөт. Бирок ич күптү болгон бугу Боромбай чалгынчы жиберип, элдин аркасында калган көчтөн Тешик Чапта 12 үйлүү кишини көчүрүп алып кетет.

Эл кайра тартып жай-жайына келет, күн сууп боз кыроо болгондо «Бугу Боромбай Какшаал ылдый чабат экен» деген сөздөр эл арасына тарала баштайт. Турдуке муну угуп, бардык тууган-урук журт баштууларын жыйып кеңешип, Боромбайга элчи жиберишти туура табышат. «Элчиге кимди жиберебиз» дегенде кээ бирлери кутчу Конокбайды дейт, кээ бирлери Калчаны дейт, анда Абдраман айткан: «Боромбай сөздүү адам, булар жарабайт. Жүрөгү курч жана жашыраак Кумач Атамбекти жиберсек» дейт. Баарысы туура таап, Меркечтеги Атамбекке киши жиберет. Ал келгенде Турдуке, Абдраман экөө туруп: «Атамбегим, бара жаткан жолуңда чоң Карач, кичи Карач дегендер бар, чоң Карачка алды менен учурап абалды айтып, элчиликке келгендигиңди билдирип, бир нөкөр менен бир чочпараны жыртыш деп ага бергин, ошол киши аркылуу Боромбай менен көрүш. Ал киши биз менен куда-сөөк жана Тилекмат баатыр деген бар, зили черик, узун, кара киши, аны менен сүйлөшүп, бир чочпараны ага бергин, өзүң билип кепке жараша кеп айт. Жолуң болсун, Чериктин жана баатырдын арбагы колдосун» дешет. Жана бир аңызда Калчага Конокбайды кошуп жолго салат. Алар баратып Беделди ашканда кар жаап калат. Бир жөө кишинин изин көрөт, бир аз басканда бир топ бөрүнүн изи анын аркасынан жөнөйт. Атамбек: «Кокуй ажыратып алалы, бечараны бөрү жебесин!» деп ылдамдата бастырат, жолдун боюнда, улам бир жерде бир бөрү өлүп жана бир жерде бирден бөрү өлүп жүрүп олтурат. Жакындап келсе, бир жөө жаш жигит карда буту менен зампаны чогултуп жаткан экен. Колунда таягы бар жигит аларды көрүп эндирей кетет. Калча чакмагын чагып, отту жагып баланы эс алдырып кеп сураса, бала «Жамансуудан чыктым эле, көлдө эжем бар эле, учурашууга бараткам, атым баспай белдин нары жагында калды. Ыргай таяк менен жыга чаап жүрүп олтурдум», дейт. Баланы тойгузуп, бөрүлөрдү сойдуруп терилерин бир үңкүргө койдурат, анда бала «Акелер, уругум бөкөй болот, кимибиз мурун келсек 4 терини ошонубуз алалы» деп айтат. Алар бала менен коштошуп жөнөп олтуруп көлдүн боюна жакын барганда, бир жерден көпчүлүк жыйналган жер көрүнөт. Алардан бир киши чаап жетип келип көрүшүп «Кайдан келатасыңар?» деп сурайт. Конокбай Какшаалдан деп жооп берет. Бала «Бул жерде бир бай өлдү эле, жаназасын окугудай молдо табалбай 3 күн туруп калды. Силерди көрүп ар качан Кашкар багытынан келе аткан адамдар молдо болот деп чакырып келген элем» дейт. Атамбек өлгөн байдын намазын түшүрүп берип, ээр токумду бир жакшы атты алып коштоп жүрүп кетет. Кеч кирип баратканда бир топ кишиге учурайт, айтып берген беркисине карап, Атамбек «Тилекмат баатыр аманбы?» деп көрүшүп абалды айтат. Тилекмат баатыр «балам, тил алсаң барба, баарыбыз бир черикбиз, арбак бар, бөөдө өлүп каласың, мунун ачуусу жаман» дейт. Атамбек «Элчиге өлүм жок, барам, өлтүрсө мендей баладан чериктин эмнеси кемимек эле, баатыр» деп болбой жүрүп кетет. Нараак барып Карачтыкын сурап табат, Карачтыкы жаңыдан көчүп келип конуп аткан экен. Барып түшүп экөө эки үзүктүн үстүнө минип олтурат. Бир бойго жеткен кыз, бир келин келип, «Меймандар кайдан келдиңер?, Үзүктү алсакбы» дешет алар. «Биз Какшаалдан келдик» дегенде эле кыз бетин чымчып алып, кайта аркасына басат. Аңгыча бир байбиче келип, алардын алдына көлдөлөң салып абал сурашып олтурат. Ал жерлик элдин кызынан экен. Баягы бойго жеткен кыздын кайны дагы черик экен, болгондо Карач өзү экен. Байбиче амандашып олтуруп Атамбектин кебин уккан соң, атайлап тай союп жакшы мейман кылып кеп баштайт: «Боромбай азыр жаман каарына келип калды, черикти чабам деп ошонун масилет жыйынын кылып атат. Бүгүн бир байдын жалгыз уулу бир уурулукка катышып калган экен. Калың эл-журт аны сурасак Боромбай ынабай дарга асты, каратекедей болгон кудай ургурдун каары катуу болуп атат. Адам ага даай албай калды. Сен келипсиң, тил алсаң кайта кет» дейт. Атамбек жана болбой эртең менен туруп, чайдан кийин бир көөкөр арак менен бир чочпараны Ажыбек баатырдын жыртышы деп чоң Карачтын алдына коюп: «эми баштап барсаң» дейт. Чоң Карач баштап жөнөп олтуруп, Боромбайдын айылына жакын барганда: «Силер бул жерде ат чалдырып жатып тургулачы, мен барып ал-жайды байкап, эл суюлганда кабар берейинчи» деп жүрүп кетет. Карач барып жоголуп кетип, кечкурун күн батардын алдында «эми келсин» деп бир бала жиберет. Атамбек барып түшүп, Боромбайдын чоң үйүнө кирип караса, бери жагы толгон киши экен: тогуз коргоол, чатыраш ойноп жаткан уулдар экен, бир капшытында эки семиз бээ союлуп жаткан экен. Төрдө аюу талпактын үстүндө Боромбай аялы менен олтурган экен. Боромбай табылгы таякты таянып, чөктүшө калып бээнин казысын карап турган экен. Атамбек алардын арасынан аттап-буттап, Боромбайдын алдына барып салам берип кол сунду эле карабады. Карагайдын чогу келип чачырап этегине түштү эле, колу менен кагып ийип жатканда, «ассолому алейкум, баатыр, аманбы?» деп Атамбек колдон алып көрүштү. Боромбай карап калып, сурданып: «Сен кимсиң деги?» деди. Атамбек «Мен чериктен келген элчимин, атым Атамбек» деди. Боромбай дагы ачууланып: «Атаңдын оозуна урайын кул черик, Беделден кирип, Чычар менен чыгып, Чычар менен кирип, Бедел менен чыгып бүлдүрө чабармын. Эчкинин этин жебей, кесир кылат дечү эле, эми Чериктин оозуна иттин этин тыкпасам, эчки эмес, анын корголуна зар кылбасам» дейт. Атамбек Боромбайдын колун коё берип, маңдайына чөк түшүп олтура калып: «Баатыр, комузчулар чертичү эле, «Коңкошбайдын коңур күү, коңурала сонун күү деп. Ошол Коңкошбай өлгөндө балдары кылымга окшобогон аш беребиз деп кабырганын тышы үч эли бээни эсепке албай, кабака сүйрөп салып, андан өйдөкүнү союп берген экен. Майга тойгон эл ал ашты «бай аш» деп атаган экен. Сарбагыштан Темир, Болот баатыр дагы 100 киши менен келет. Ошол өңдүү ар элден келген экен. Ошондо биздин атабыз Боогачы баатыр мылтык асынып, тайганын ээрчитип аң уулап жүрүп келип калган дешет. Алдаш баатыр казы-картаны кыя кесип жеп олтурган экен көрө калып жумушкерлерге: «Боогачы баатырга эт алып келгиле» дегенде  жумушкерлер «эт калбаптыр» деп күңк эткенде, «Эмесе мынабу менин алдымдагы калган этти сунгулачы» дейт. Бирөө ала коюп сунганда, Боогачы: «Жетим балага белгилеген этиңди өзүм эмес итим да жебейт» деп камчы менен табакты кагып жибергенде, баягы эт Алдаш баатырдын башынан алыс кеткенде, Боогачынын жанындагы куу тайганы эттин аркасынан Алдаштын башынан аттап секирип, этти жерге түшүрбөй илип жеп кеткен экен. Ошондо да 100 киши менен жүргөн атаңыз жалгыз Боогачы баатырга иттин этин жегизе албаган экен. Эми кандай жегизесиз? Азыр чериктин түтүнү эки миңге таяп калды го, баатыр!» Анда Боромбай: «Ой карга тырмак кул черик, жалгыз Ажыбегиң бар эле, эми кимиң калдың, тең ата болгондой?» дейт, анда Атамбек «Аке, ырас эле Ажыбек баатыр өлдү, бирок атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок. Атасы өлсө уулу бар, орду жерде калган жок. Ажыбек өлсө балдары Абыл, Асан, Абдыраман бар, инилери Турдуке, Арыстанбек бар» дейт. Анда Боромбай «Ала-Тоонун  ар жагында силер, бер жагында биз элек. Тоодой Ажыбек өлсө не үчүн жаназасына чакырбайсыңар» дегенде, Атамбек: «Үйдөгүнүн кебин талаадагы сыйлабайт, өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт» кылбайлы деп баатырдын сөзүн жана арбагын сыйлап сизди чакырбадык. Анткени өлөрдө «Ормонкан менен дос жана теңтуш элем. Боромбай Ормонду колго түшүргөндө бир кашык канын сурасам бербей өлтүрүп таштаган. Ушул оорудан тыныксам бир тогошуп аламын дейт. Бирок сакайбадым, эми артымда калдың черигим, журтум болсоң намазыма катын бугуну чакырбагыла» деп жатып өлдү. Ошол үчүн силерди же жаназасына же ашына чакырбадык, ага таарынбаңыз». «Баатырдын жыртышы мына бул» деп кара жамбы менен 2 көөкөр аракты алдына койгон экен.

Боромбай туруп кетип: «Олдо чунак Балбай ай! Качан да болсо кесепетиң тийет да, кайран Ажыбек мага таарынып өлгөн турбайбы! Ажыбек киши жибергени ырас. Ал киши келгиче эле Ормонканды өлтүрүп коюшуптур, тирүү болсо берет элем, кап! Өз боюнча айтып бардыбы же кандай, билбеймин? Силер менен биз чий менен туурдуктай жакын киндиктеш элек, аштыктын алдына орок тийсе, аркасына келбей койбойт. Мага да ажал жакын го, кайран баатырым өлгөндө мага таарынып өлгөн экен да! Оо кайран эсил жолборсум оой! Эми кайдан көрөйүн оой!» деп өкүргөндө үйдүн ичинде элдин бардыгы дүңгүрөп үйдү көтөрүп калды, байбичелер дагы кошуп калды. Бир дем ыйлашып басылгандан кийин куран окуп бата кылган соң жамбы менен аракты сунуп калды эле, Боромбай «Кайран төрөмдүн жыртышы экен» деп жамбыны көзүнө сүртүп байбичесине берип, аракты жигиттерине берди дейт…

Атамбек ошол кепти салып атып ушул жерге жеткенде күлүп: «Кайран жаным, Ажыбек баатырыма тыяктагы Боромбай баштуу бугуну да ыйлаттым» деп айтчу экен.

Боромбай эртеси мейманканага кирип Атамбекти аягынан түрө карап туруп «Балам Ажыбектин эмнеси болосуң?»деп сураганда, «Ажыбек менен  тууганмын, Байчубактын балдары болобуз» дейт. Боромбай «Байчубактын кимисиң?» дегенде ал «Мамажан чечендин иниси Бабанын уулумун» дейт. «Ээ дагы эле чыккан жерден чыгат экен… Кайран Мамажан чечен ак калпагы менен ак кементайын чыраштатып алып, темир көк атын минип алып, теминип топко киргенде топ жарыла берчү эле. Ошонун тукуму экенсиң да!» «Ооба ошонун тукумумун». Боромбай «Куйма кулакка көп айтса куюп алат. Тешик кулакка кеп айтса тешигинен куюлуп калат. Сен куймакулак экенсиң. Илгери кыргыздан олуялар өткөн экен, алар «кепти айткан укканга, айтып айтпай пайда жок бей саат күнү туулганга» деген экен. Кана сен кепчи көрүнөсүң, сүйлөчү ал кайсы олуялар?» – дегенде Атамбек «баатыр, кыргыздан олуя Сынчы, олуя Сансыз дегендер өткөн экен» – дегенде. Боромбай «ал элди кандай сынаган экен?» деп сурайт. Анда Атамбек «Олуя Сансыз сиздин атаңыз Алдаш баатыр, сарбагыштан Болот баатыр, чериктен Карагул баатыр бул үчөөнү сындаган экен. Колун серелеп карап  көрүп, Алдаш баатырды карайт. «Мындан бир меш туулат, калың журтка эш туулат. Андан ары барганда мунун тукумунан өөк барака  туулат.  Бул өзү калы жок муруттуу, төгөрөктү курутту, кайра тарт» деген экен. «Ошол сакалы жок муруттуу, төгөрөктү курутту өзүңүз эмеспи?! Төгөрөктү курутуп атпайсызбы» дегенде Боромбайдын бир муруту кыйшая түшкөн экен. Андан кийин сарбагыш Болот бийди сынап, колун серепчилеп карап «Сен кыбыланы карап туруп сийген экенсиң, сийдигиң сегиз коктуну өрдөп кетти. Сегизи сегиз сууга баш болуп анын ичинен жалдуу барак чыгат. Атаганат кап сени! Мурун сындасам болмок экен, жалдуу баракты өөк барак чалып салбадыбы» деп санын чаап кейип калган экен. «Баатыр – ошол өөк барак өзүңүз, жалдуу барак Ормон эле, аны чалып салбадыңызбы?!» дегенде, Боромбайдын экинчи бир муруту кыйшайып мыйыгынан күлгөн экен. Андан кийин черик баатыры Карагул көчүп Какшаалга баратканда олуя көчкө учурап жанындагы кишиден: «Тээтиги көч ортосундагы токмок жалдуу торайгыр минген, чылгый кайыштан кисе  тагынган ким?» деп сураганда жанындагы киши «Карагул черик болот» дейт. Олуя «Бери келчи» дегенде Карагул кайра тартып келген экен, олуя  Карагулду карап колун серепчилеп: «Ий атаганат ай! Бул жамандын көкүрөгүнүн боктогун кара, көчүгүнүн алтындыгын кара. Мындан эгиз кыраан эки уул чыгат, эки шер удаа, бирөө мурда, бирөө кийин чыгат, ак көрпө жайыл атагы журтка дайын чыгат. Анын наамы букардын көк ташына чийилет, кызыл меш чыгат. Мунун тукумунан тукумуна чейин жыргап өтүп чөөдөй сары чыгат, Какшалдын аягынан өөдө сурайт. Жеңдей кара чыгат, Чап жаактуу, чабалай ээктүүлөр ичинен эңкерлер чыгат, андан кийин келте тумшук боз балдар чыгат, андан кийинкисин көрө албай калдым», деген экен.

Эгиз кыраан эки уул – Ногой, Кончой, бирөө мурун, бирөө кийин чыккан эки шер Тоймат менен Ажыбек, ак көрпө жайыл, атагы журтка дайын Ажыбек баатыр, кызыл меш Абдракман, чөөдөй сары Турдуке, жеңдей кара Суранчы, чап жаактуу Жабалай, ээктүү ичинен Эңкер. Мамбет, Осмон, Өмүрбек, Кутуке, Найман, Өмүражы, келте тумшук боз балдарды көрө элекпиз, дечү экен Атамбек аба.

Атамбек күндө бирден кысыр эмди тайдын этин жеп жакшы кутулду. Боромбай күндө бир маал кирип «Балам, куйма кулак экенсиң жана кеп сал» дейт.

Боромбай өзү да кыргыздын макал, нарк, нускасын, санжырасын, нарк нускалуу кеп сөздөрүн айтып берген экен. «Ушул кептин көбүн ушул кишиден укканбыз» дечү экен Атамбек абам.

Беш күн жатып, алтынчы күнү болгондо Атамбек Боромбайга эми биз кайталы деди эле, анда Боромбай «келген жумушуңарга он эки үйлүү кишини алып кеткиле, бирок сыртка азыр кар түшүп калды, жаш балдар үшүп калар. Жаздын алды менен көчүрүп берем, алардын бир улагын чыгымга учуратсам мен кепин» деди да Боромбай «мына бул Камбыл  деген жандай көргөн киши жакшы атымды Абдраманга ала барып бергин, баатырды аза бата кылганым ошо, мына бул тейтилланы Турдукеге алабарып бергин, баш куттуктаганым» деп атты жетелетип, тейтилланы  бөктөртүп, Атамбекти жолго салды. Атамбек бастырарда Боромбай ага «Келер жылы Турдуке Абдыраман болсо экөө тең келсин, экөө келалбаса бирөө келип мени менен кудалашып достошуп кетсин, айта бар» кайры эмесе» деп кала берди.

Атамбек кеткен соң Боромбай «Ой калың журт чогулгулачы» деди эле, черикти чабабыз деп жаткан калың бугу Боромбайдын эшигинин алдында барып жыйналды. Боромбай «калың журт баарың турасың, черикти чабабызбы-чаппайбызбы?» дегенде, көпчүлүк «чабабыз, чабабыз» дейт. Боромбай «Оой, кызыр кайда экен көрдүңөрбү?» деп сураптыр. Көпчүлүк «Жок көрбөдүк». Анда Боромбай «силер көрбөсөңөр мен көрдүм. Кызыр чериктин шыргыйдай кара баласын (Атамбекти) кош колдоп суулуктап алыптыр. Мен керекке жарайт деп бир канча балбанды баккан экенмин. Буларды баккыча бир топ бука баксамчы. Мен атактуу журттун бир башчысы болуп туруп шыргыйдай кара кеп салып жатканда, анын уу тили мени карай агып жатканда балбан сөрөйлөр анын башын ыргыта чаап салбадыңар. Үйдө чечен жоодо жок болуп. Чеченмин дегендер да бар эле, же бир ооз сөз кайралганыңар жок. «Катын бугу» деп сөөмөйүн көзүмө теңшеп атканда, же өлүп кете албадым, же жерге кирип кете албадым. Мен Боромбай болгону кишиге сөзүмдү алдырбаган, кишиден сынган эмес элем. Чериктин шыргыйдай кара баласынан сөзүмдү үч алдырдым, үч сындым, быйыл мен жазга жетпей өлөм го, же бир нерсе көрөм го? Черикти чабабыз деп атканыбыз түшүбүз экен. Черикти чабышты коюп тургула, чериктен келген элчисин кайра жандырдым. Ал жаз жарып, күн жылыганда баатырларын алып келмек болду. Кудалашып дос, кур чалышып куда болуп элибизден тандап кыз берели, он эки үйлүү кишини малы менен жандырып берели! Мурун булардан олжо деп таап алганын болсо кунуна куш, козусуна кой кош. Малпараны калыбына келтиргенден кийин кыштоо тандап кондуруп, отун, тезек, от чөп сарамжалын камдай берели. Чериктин бир да малы зыянга учурабасын. Биз Ала-Тоонун аркы жагында, черик берки жагында. Биз чий менен туурдуктай чың ажырабас элбиз. Жамандашпай өтөлү. Мен тирүү болсом ошондой кылам. Өлсөм керезим ушул. Ушундай кылгыла, эми тарагыла» деди. Айтканындай он эки үйлүү черикти жазында көчүрүп берген экен. Ошол жылы жазында 1858-жылы Боромбай өлөт. Өлүм алдында үч күн ыр макал сөз менен керез айткан экен. Аны жанындагы олтургандар жаттап алышкан. «Боромбайдын керезиндей керез кеп айтты эле» деген макал ошондон калган экен. Боромбайдын керезинин кээ бир барчалары:

Аргымак жалын беш бөлүп, Үргөнүң калат жигиттер.

Ар уруудан кошчу алып,

Ал дөбөгө бир чыгып,

Бул дөбөгө бир чыгып,

Айгуулашып куш салып,

Адырлуу жерден из чалып, Жүргөнүң калат жигиттер.

Эрмектешип ырдашып, Эзилишип сырдашып,

Күлгөнүн калат жигиттер.

 

  • * *

Бүрмөчүгүн бүрмөлөп, Термечигин термелеп,

Кемпирлер өткөн дүйнө ошол.

Кызгалдактай кылаңдап,

Кырмызындай кылактап,

Кыздар өткөн дүйнө ошол.

 

  • * *

Күлүмсүрөп кашкайып, Күзгүдөй бети тастайып. Керимселдей керилген,

Келиндер өткөн дүйнө ошол.

Табышмак айтып кордошуп, Таштан-ташка ойношуп,

Балдар өткөн дүйнө ошол.

 

  • * *

Какайган бели бекчейип, Кара көзү чекчейип. Кайран жашым кетти деп,

Чалдар өткөн дүйнө ошол.

Ак тенге пулу катаган, Адырга малы батпаган, Байлар өткөн дүйнө ошол.

 

  • * *

Буулуктап ажал тез келди, Боромбайга кез келди.

Мураталы, Тилекмат,

Калың бугу элиңди,

Башкарар болсоң кез келди. Аргымактан жал кетсе, Алмагы кыйын жал кайтып.

Азаматтан мал кетсе,

Келмеги кыйын ал кайтып,

Азирейил тооруса,

Калмагы кыйын жан кайтып.

Эми Боромбай баатыр өлгөн соң дагы калгандары ушул боюнча иш кылып Турдукеге Алтын деген Боромбайдын кызын берген экен.

Чоң Карач Абдраман, Боогачылар менен кудалашып өткөн экен. Эми Ажыбек өлүп, сегиз жылдан кийин Бөөдөлөт Жакыпбек Кашкарга келип, Ажыбек баатырды сураса өлүп калды деген экен, уулу Абласанды чакырып барып «Сен ички жол менен барып Аксууну алып, ошол жерге баштык болуп тур» десе Абласын ынабаптыр. Жакыпбек: «Кайран баатыр кумга сийген экен, баласы кайратсыз экен» дептир. Ошондой болсо дагы Нарындын Куртка деген жерине датка кылып кароол тостуруп койгон экен.

Ажыбектин туугандары (Карагул уулунун башчыларынан) Суранчы, Мамбет, Осмон баштаган он кишини аскерликке алып Үрүмчүгө алып барат. Ал жерде жоо менен атышып турган мезгилден пайдаланып Суранчы баштап качып, Иле аркалуу Ысык-Көлгө келип калганда Суранчынын атасы, Ажыбектин агасы Жабагы баштык бир нечелерин бала-чакалары менен Котенге паалаган экен. Жабагы Котенде өлгөндөн кийин өлүгүн дары менен катырып, бир эки жылдан кийин атайылап алдырып келип Карачийге коюп, күмбөзүн бышык кыштан салдырган экен. Жабагыдан Суранчы, Бегмат, Жусуп үч уул, Суранчыдан Балбай, Качкын эки уул, Бегматынан Балбак, Чылпак, Бошкой үч уул Жабагы уулу аталат. Суранчы өтө акылман өткөн, курбаттуу адам болуп, мамлекеттин биримдиги, элдин ынтымагы үчүн көп күч жумшаган. Анын философиялык акыл-насаат сөздөрү, макал-тамсилдери эл ичинде өрнөк болуп калды.

Эми Ажыбек баатырдан Абыласан, Абдраман, Үмүркан деп – үч уул, Абыласандан Жантай, Телтай, Молтой, Арзыкан, Кутуке. Найман – жети уул, Абдрамандан Боогачы. Андан Бородой жана бир нече уул. Андан Султанаалы жана бир нече уул. Үмүркандан эки уул. Булардын көпчүлүгү эл-журтту бийлеп, башкарып келген. Эми Тойматтан Турдуке, аны Ажыбектин сөзү боюнча Ажыбектин ордуна баатыр көтөрөт. Бирок бул киши өтө зулум болуп Ажыбектей элдик болбогон.

Ажыбек уруулары бүтүн Карабулакты, назар, чынар уруулары Акталаа, Сомташ, Алкымды башкарып келген. Булар ак сөөк уруу болуп эсептелинет. Черик уругу бүтүн кыргыз ичинде чоң жана саны көп уруулардын бири, бүткүл какшаал элинин 70 проценти черик уруусу. АтБашыда дагы бар, аз бөлүгү Тоюнда.

Чоң багыш уруусу

Чоң багыш уруусу негизги уруулардын бири болуп, сол уруулар тибине кирет. Демек Куу уулдан Кутчу, Чоң багыш, Кытай, Саруу, Мундуз, Базыс, Нойгут деп жети уруу сол таралат. Кээ бирөөлөр чоң багыш, сарбагыш, өкүмбагыш, карабагыш бир тууган экен, деп коюшат. Бул аттын уйкаштыгына гана карап айткан кеп. Бул андай эмес.

Чоң багыштын үчүнчү небересинен Чоболой, Кулунсарык, Байуулу деп үч уулу болгон. Санжырачылардын кээ биринин айтышынча, чоң багыштан чыккан Мыкы баатыр өз элинен кыз жаратпай бир нече убакыт бой жүрүп калат экен. Анда чоң багыштар азыркы Текестеги кытай-совет чек арасындагы Үчкаркыра, Көкдөбө деген жерди жердеп туруучу экен. Күндөрдүн биринде Анжияндан бир соодагер Үчкаркыра, Көкдөбөгө калыптыр, андан Мыкы баатыр: «Соодагерим, көп жерди басып, көп элди көрүп келипсиң, мага жарагыдай бир сулуу кыз көрдүңбү?» деп сураптыр. Соодагер: «Мен сага жарагыдай бир сулуу кыз көрүп келдим, эмне сүйүнчү бересиң?» дептир. Мыкы баатыр: «Сүйүнчүңө эки жорго берем, деги ал кыз кайсы жерде экен?» деп сураптыр. Соодагер: «Анжияндын үстү Ажыке деген жерде адигине уруусунан Толубай бийдин кызы Назбийке сулууну көрдүм, ал чай ичсе алкымынан көрүнөт», дейт экен. Мыкы баатыр бул кепти угуп алып, элинен кырк жигитти тандап ээрчитип Анжиянга келиптир. Анда Толубай бий чоң үлүш берип жаткан кези экен. Эр Мыкы өзүнүн келгендигин билдирүү жана тийишүү үчүн Толубайдын төрт эле жылкысын айдап алып кайра жөнөптүр. Үлүш берип жаткан Толубай бий буга ачууланып «Ушунча адамды көзгө илбей жылкыны алып жөнөгөн бул кандай неме экен, кармап келип көгөнгө байлап койгулачу» деп артынан куугунчу жибериптир. Куугунчулар эр Мыкынын артынан жете барып бири-бири менен чабышып, таймашып, найзалашып алышып, күч сынашып көрүшүп, кайта өхүлөшүп келгенден кийин, куугунчулар Мыкыдан: «Силер эмне себеп менен жылкы куудуңар?» деп сураптыр. Анда эр Мыкы: «Мен силерге жоо эмесмин, силер менен кур чалышып куда, кучакташып дос болгону келдим, Толубай бийдин сулуу кызы Назбийкени алганы  келе жатам»,– деп жайын айтыптыр. Куугунчулар эр Мыкыны бийдин айлына баштап, Толубай бийге барышып: «Булар чабышканы келбептир, сиздин кызыңызды алыстан угуп кудалашканы келиптир», дегенде: «Ал ким экен?» деп сураптыр. «Чоң багыштын Мыкы баатыры экен» дептир куугунчулар.

Толубай кеңешкору менен кеңешип бирликке келгенден кийин: «Эми сен кызымды алар болсоң бүткүл чоң багыштын малын айдап кел» дептир. Эр Мыкы ага макул болот. Бирок, Толубай бий ал шартынан кайра жанып, «Жалгыз кызымды ыраак жерге бере албаймын, алар болсоң бүтүн эл-журтуң менен көчүп кел. Анан берем, мен карып калдым, ордума кан, бий болуп эл-журтумду сурайсың» дептир. Мыкы баатыр буга дагы макул болуп кайра жөнөйт.

Эр Мыкы өз элине кайтып, жакындаганда чатырын тигип элинин ичине барбай жатып алат. Эли: «Эмне болдуң баатыр?» дегенде Мыкы; «Мен Толубай бийдин кызы Назбийкени алмак болдум, эл-журтуң менен көчүп келсең анан берем дейт. Эгер силер ушул талабымды орундай турган болсоңор анан барам, болбосо барбаймын», дейт. Анда Чолобай баатыр. «Сен катын алсаң өзүң бара бер. Биз туулуп-өскөн жерибизди таштап ал жерге барбайбыз», дейт. Акыры Мыкы баатыр «Анжиянга барабыз» деп үч жүз үйлүү кишини көчүрүп алып жөнөйт экен. Аларга: «Эмгектеген жашты, эңкейген карыны таштайлы, жер алыс, кийин алып кетербиз» деп жарлык түшүрөт. Алар көчкөндө: «Үчкаркыра көк дөбө, эми бизге жок дөбө» деп ыйлашып көчүп жөнөйт. «Бала белде, катын жолдо» деген макал ошондон калган экен.

Алардын ичинен бир жигердүү жигит атасын таштагысы келбей сандыкка салып, эч кимге көрсөтпөй жүктөп жөнөптүр. Көч жөнөп олтуруп бир канча күн өткөн соң карыя баласына: «Оо балам, кайда кетип барасыңар? Эмне үчүн кээ бир жерде чуркурап, кээ бир жерде жымжырт болуп каласыңар?» деп сураптыр. Анда баласы «Анжиянга көчүп баратабыз. Суу табылган жерде чуркурап, суу жок жерде суусаганда жымжырт болуп баратабыз» дептир, Атасы: «Балам суу жок жерге барганда жүк жүктөгөн өгүзүңдү агытып коё берип көрчү», дептир. Бир күнү суу жок жерде эл өтө суусап өлмөкчү болгондо, баякы бала өгүзүн коё берет, ал өгүз нары-бери басып жүрүп бир камыштуу жерди чапчып турган экен, баласы атасына муну айтканда, атасы эмесе ошол жерди бир аз чукуп каз дейт. Бала казса суу чыгып, эл суу ичип жыргап калат экен.

Жана бир канча күн жол жүрүп бир жерге конгондо, абышка баласына «силерди кара көпөлөк айдап алыптыр, көчүп жүрүп жоголосуңар. Балам, аркаңарда айры белес, ач кесек барбы?» деп сураптыр. Баласы бар дептир. Абышка: «Балам, сен эртең элди жөнөтүп жиберип, ушул айры белес, ач кесекте мылтыгыңды алып тосуп турсаң бир ак төш дөбөт «көч-көч» деп тилин салып келет, ошону атып таштасаң эл көчүүдөн кутулуп калат» дейт. Атасы айткандай баласы белди тосуп турса, бир ак төш төрт көз дөбөт «көч-көч» деп тилин салып кирип келген экен. Бала дөбөттү атып тумшугун кесип, тырмактарын чыгарып алыптыр. Эми кыргыздардын көзүнүн үстүндө калы бар итти жаман көрүп калуу ошондон калган экен.

Бала көчтүн аркасынан элге жете келсе элдин бардыгы эле уюлгуп көчпөй жатып калган экен. Эртеси деле көчпөйт. Бала элден «Эмнеге көчпөй жатып алдыңар?» деп сураган экен. Эл «кечинде жатаарда талаага чыксак күйгөн эки шам көрүндү. Эр Мыкы «ошону тапкыла» дейт. Биз табалбадык, аны тапмайынча көчө албайт экенбиз» дешет. Абышка баласынан «эл эмне үчүн көчпөй калыптыр» деп сурайт. Баласы: «Ушул жерде эки шам күйөт экен. Эл аны күнү-түнү издеп табалбай калыптыр. Ошого эл көчпөй жатып калыптыр» деп жооп бериптир. Абышка: «Балам, ал каухар таш. Ушул сайда дарак бар бекен?» деп сураптыр, анда баласы «бир гана жалгыз тал бар экен» деп жооп бериптир. Абышка: «Ал каухар таш ошол жалгыз талдын чиригинин көңдөйүндө. Сен барып талдын көңдөйүн карасаң ошондон табасың, ал эки шаардын куну менен тең» деген экен. Бала жүгүрүп барып талдын көңдөйүн караса тооктун жумурткасындай эки каухар таш турган экен. Бала ташты көтөрүп алып атасына барыптыр. Ошондон кийин сайда шам күйбөй калыптыр. Абышка баласынын алып барган ташын көрүп «силерге кудай бериптир, мунун баасына адам жетпейт» дептир.

Сайда шам күйбөй калганда эр Мыкы элинен «сайдагы шамды ким таап алды» деп сураса, анда бала «мен таап алдым, сиз алуучу Назбийкенин калыңын камдап койдум, сиз чоң багышты Үчкаркыра, Көкдөбөдөн көчүрбөсөңүз деле болот экен», дептир. Анда эр Мыкы «Муну сен кандай таптың сага ким айтып берди?» дегенде бала: «Атам айтып берди» дептир. Анда эр Мыкы «Ой бала, атаң калбады беле?» дегенде, ал: «Жок, атамды таштаган эмесмин. Сандыкка салып артып келгенмин. Каухар ташты атамдын кеби боюнча таптым» деген экен, Ошондо чоң багыштар «атаганат, ата-энебизди не үчүн ала келбегенбиз» дешип чуркурашып ыйлашып кеткен экен. «Карынын кебин капка сакта, өлүгүн апта сакта» деген макал кеп ошондон калган.

Эр Мыкы чоң багыштарды көчүрүп жүрүп Анжиянга жакын калганда «Биз көчүп келатабыз, баткыдай жер бар бекен» деп бир сынчы менен бир канча кишини адигинелерге жиберет. Сынчылар менен элчилер барып, эр Мыкынын сөзүн адигинелерге айтканда, алар «Кең Алайды дайындап койдук, болор бекен?» деп сураган экен. Сынчы Алайкууну көргөндө «Көдөөнүн түбүндө кулун, шыбактын түбүндө козу уктап жатчу жер экен. Бирок көчүгү кең, көкүрөгү тар, үч жылда бирден жут болот», деп Алайкууну сындаптыр.

Эр Мыкы Баатыр каухардын экөөнү тең берип Толубай бийдин кызы Назбийкени алган экен. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин Мыкы баатыр элине «Мен Назбийке сулууну алам деп силерди Үчкаркыра, Көкдөбөнү таштатып ушул жерге көчүрүп келдим эле, эми Назбийкени алдым, кана сынап көргүлөчү, Назбийке сулуунун кайсы жеринде айып бар?» деп сынаткан дешет. Элдер «жакшы, сынга толот экен. Бирок мурдунун ички таноосу кең экен» дешет. Анда эр Мыкы «кандай кылсак болот?» десе, алар «Муну Анжияндын табыптары танап-тигип оңдошот» дешет. Чоң багыштар ошол кеңеш боюнча Назбийкенин мурдун тилген экен. Муну уккан Толубай бий: «Кечээ келген жолоочу бүгүн кызыңдын мурдун кескичелик болуптурбу? Чоң багыштарды камчыга ченеп кыргыла» дейт. Арада уруш болот. Чоболой баатыр баштуу бир канчалары өлөт. Чоң багыштар чегинип, качып Улуучатка келишет. Кызылойдо турушат, кийинчерээк Кызылойду жердеп турган кутчулар менен жер талашып батышпайт. Ал кезде Кашкарды Канкожо деген сурап турчу экен. Кутчу Кубатбек ага жакын экен. «Мыкы баатыр биздин бул жерден кууп чыкмакчы, сени тактыдан түшүрүп топодой тоздурмакчы, сен аларга ишенип кудалаштым деп жүрөсүң» деп Мыкы баатырды Канкожого чакыртат. Канкожо Кызылойго барып, текшерип байкап турганда жыйылып сүйлөшүп олтурган чоң багыштар турганда, камчылары менен этегинин топосун кагып турушат экен. Анда Кубатбек Канкожого: «Тигини кара, сени топодой тоздурам дешип атат. Жана ишенбесең Мыкынын агасынан сура» дейт экен. Чоң багыштардын эмки башчысы Арык деген кулагы катуу кишиден Канкожо «ошол маслет кеп ыраспы?» деп сураганда, Арык эмне деп айтканын укпай эле башын ийкеп коёт. Канкожо кыжырланып чоң багыштарды кырдырат. Кырда качып жүргөндөргө «Кайта келип багынсаңар мал, пул берем» дейт. Канкожого жигит болуп турган бир кыргыз аларга барып «Ой келгиле, кыргыздын атасы тоо, энеси суу» деп ураан чакырып кыйкырганда, Аскалы, Кандабас экөө ойлонуп «бул мааниси бар кеп» экен деп качып кутулган экен. «Кызылой», «Кызылчачы» деген ат ошондо калган. Аскалы менен Кандабас Буландын тоосуна, Корумдуктун тоосуна бекинип, кийик атып, жан багып жүрөт экен. Кийин алар бөлүнүп Аскалы Каражүлгө, Кандабас Кызылойго кетет экен.

Жалпы алганда чоң багыш уруусу Кытайда негиздүү чоң уруу болуп эсептелинип, чыгыш тарабы Каражүлдөн тартып, батыш тарабы Окалырга чейин бүтүндөй чоң багыш уруулары жайгашкан. Сан жагынан да көп. Булардын ичинде Жансүйөрдүн урпагы элин башкарып үстөмдүктү ээлеп келген. Жакынкы убакытта манчиндин зулумуна каршы эл козголоңуна баштык болгон Сыжап Осмонаалы чоң багыштан, молдояр уруусунан эле.

Кутчу уруусу

Кутчу уруусу байыркы чоң уруулардын бири. Азыркы бар уруулар көбүнчө Чыңгызхандын баскынчылыгынан кийин шекилденген, бирок кутчу уруусу андан да мурунку уруусун сактап калган. 10-кылымдарда Орто Азияга келген Иран алымы Итеферинин чыгармасына караганда, Орто Азияда кыргыздын асык, кутчу деген уруусунун бардыгын жазган. Ошол үчүн кутчу уруусу мурунку уруусун сактап келген экен деп айтабыз.

Кутчу уруусу Куу уулдан болуп солго кирет. Кытай кыргыздарынын байыркы доорлорунда кутчулар негиздүү уруулар болуп, Кызылой, Тегирмети, Каражүл, Какшаалдарды бүтүндөй ээлеп турган. Маселен, Кызылойдо хан Кубатбектин мунары азыр да бар. Каражүлдүн жолундагы Алдаярбек деген белде Кутчунун бир баштыгы алгачкы ирет ашып жол салгандыктан ошонун наамына коюлган. Айыктыктын башындагы Мурзакелди, Эсенбек деген жайлоолор дагы кутчунун баштыктары жердеп турганда ошолордун наамына коюлган. Эми Какшаалдын башы, чек арадагы Шабото деген жайлоо кутчунун бир тармак уруу баштыгынын атына коюлган. Кийинки кездерде Какшаалдагы чериктер менен болгон талаш-тартышуудан жана Кызылой, Каражүдөрдөгү чоң багыштар менен болгон талаш-тартыштардан улам төмөндөп сүрүлүп, азыркы абалга келип калган. Кээ бирөөлөр качып таркап кетишкен, Үчтурпандагы Кутчу деген жерди да кутчулар жердеп турган. Какшаалды кутчулар жердеп турганда, Абайылда, Берик деген эки баатыр башчысы болуп, алар Карачийде турган.

Тарыхка таандык материалдарга караганда, 10-кылымда Үчтурпанда кыргыздар бардыгы жазылган. Кээ бир материалдарда 1595-жылы Үчтурпандын түндүгүндө кутчу уруусунун хандыгы барлыкка келген экен. Санжырачыларыбыздын айтышынча, азыркы Үчтурпандын түндүк жагында Кутчулук деген кең район бар, ал жерде кутчу уруусу жашап хандык сүрүп, Үчтурпанды башкаруучу экен. Кийинчерээк алар Какшаалга (Акчийге) сүрүлүп, бүтүн Какшаал өрөөнүн кутчу эли мекен кылып туруучу экен. Алардын башчысы Абайылда, Берик дегендер Карачийди борбор кылып, узун убакыт тургандан кийин 1780-жылы качкан экен. Качыштын себеби төмөндөгүчө:

Үчтурпандын үстү Отбашыдан тартып бүтүн Какшаал Абайылда, Берикке аштык-бажы төлөчү экен. Азыркы Карачийдеги үч метрден узун ташты мамы кылып орнотуп коюп, ошону чек кылып, чек токтоттуруп, анын башы көмүлгөндө «эми болду» дечи экен. Бир жылы аштыкбажы төлөгөндө ал таштын башы көмүлбөй калган экен». Абайылда менен Берик «бул эмне болду?» деп сураганда, кызматкерлери «Үч-Меркечте турган Чоко жана Токтокүчүк деген туугандарыңыз өзүнө караштуу кырк үйлүү кишиге аштык-бажы бердирбеди. Башкасы деле жетер деди», деп жооп берет экен. Кийинки жылы бир аш болгондо Чокону Берик конок алып, ал түнү аркандан ыргак жасап бүркүтү менен Чокону таң аткыча ыргакка салып, эртең менен «Буркүтүң эми жакшы алат» деп коё берген экен. Ал «Меркечтин арчасынын табынан да, сенин ыргагыңдын ыдыгы жаман өттү го баатыр» деп ашка күйбөй бастырып кетет.

Жаз болгондо Чоко Берик «Карачийдин арыгын каздырып атат», деп угуп, тийишүү үчүн Меркечтен аттанып, бүркүтүн көтөрүп алып, Карасеңирге келип Берикке учурайт. Берик бүркүтүңдү бери кылчы десе, Чоко эмне кылат элең, бул каракашка тынар, муну көрүнгөн киши кармай бербейт, бербеймин, дейт. Анда Берик баатыр арданып, Чокону арык казгандар менен кармамакчы болгондо, Чоко карматпай күнгөй менен жүрүп олтуруп Үчтурпанга барат экен. Анда Үчтурпандын шаары кичирээк. Башчакмадан тартып суунун бою Кеңсай болуп жайлоо экен. Ал жайлоодо кудаят делген 400дөй ат багылуучу экен. Бул аттар ошол кездеги калмактардын бутканасына караштуу экен. Чоко аял аттарды көзөмөлдөп жүрүп, күндүзү жар көпүрөдөн айдап сыйлыктырып отуруп, Отбашыга чогултуп коюп, ал түнү Какшаалдан Үчтурпанга бараткан жолоочудан «буткананын аттарын Абайылда, Берик алып кетти» деп кабар салыптыр. Анан аттарды катуу айдап, баспай калгандарынын башын кылыч менен кесип, тумшугун көтүнө тыгып коюп жүрүп отуруптур. Аркасынан аттын куугунчусу калмактар келип, өлгөн атты көрүп: «Бул эмне шумдук иш? деп сураганда, ал жердегилер «калмактарды дагы ушинтип башын кесип көтүнө тыгам дегендин белгиси» деп айткан экен. Эми Чоко жүрүп олтуруп, аттарды Кызылкүмбөстүн Чал деген жерине кашаттын башына жайып коюп, Карачийге эки жолдошунун бирин жиберип, калмактардын наамынан: «Абайылда, Берик менин жылкымды бекер алдың, урушар жериңди айт» деп кат жазып жиберип, өзү күнгөй менен жүрүп олтуруп, элин көчүрүп Тешикчапты ашып Ысыккөлгө кеткен экен. Азыркы Ысыккөл кутчусу ошолордун уругу дешет. Эми Абайылда, Берик катты көрүп «Муну Чоко кылды, эми Какшаал бизге жер болбойт» деп элин көчүрүп, Анжиян менен жүрүп Таласка барып токтогон экен. Таластагы азыркы кутчулар ошолордун урпагы, жана бирөөлөр кутчунун жээни чоң багыш деп да айтышат. Эки Акчийдин ортосундагы Белалма деген сеңир Абайылда, Бериктин уулугу деп айтылат.

Эми кутчунун түп атасы Кубатбек, андан кийинкиси Алдаярбек жөнүндө баян кылабыз.

Кубатбек

Ал саякатчы, кыйын адам болгон. Кызылой, Канжуугандарды талашып, чоң багыштарды Кашкардагы Канкожого чагып кырдырган экен. Мунун баянын жогоруда айтып өткөнбүз. Эми андан кийин да чоң багыштар өч алуу жөнүндө нечен урушуп Кубатбекке тең келе албай жеңилет экен. Кубатбектин үйүндөгү жээни чоң багыш экен, ал күндөрдүн биринде чоң багыштарга «Кубатбекти мен өлтүрүп берейин, эмне бересиңер» дейт. Анда алар «Сени хан көтөрөбүз» дейт экен, «Эмесе бир күнү урушка чыккыла» деп макулдашып бүтүшүп, бир күнү чоң багыштар Кубатбек менен урушуп турган мезгилде баягы жээни Кубатбекти аңдоосуздан атат. Кубатбек өлгөн соң, катыны кайраттуу аял экен Кубатбектин кийимин кийип, атын минип алып качат. Муну көргөн чоң багыштар жээнин «Сен Кубатбекти өлтүрдүм дедиң эле, эми качып баратпайбы. Сен калп айтып качырып ийдиң!» деп аны атып өлтүрөт экен. Демек, «Бирөөгө ким ор казса, акыры өзү түшөт» дегендей иш болгон. Кубатбектин мунары Кызылойдо азыр дагы бар.

Алдаярбек

Ишенимдүү тарыхчылардын маалыматына караганда, 15-кылымдан кийин түштүк Шыңжанда Жеркен хандыгы деген бир хандык бар эле. 1622-жылдары Кашкарда аким болуп турган Жолборскан деген Жеркенде хан болуп турган атасы Абдылда ханга кыргыздарды чаптырат экен. Абдылда хан Каракүчүк бий, Сатим бий деген кутчунун уруу баштыктарынын он миңдей колун кыргын кылган. Сатимбийдин баласы Алдаярбек 23 жашта болуп тоого качып кетип кутулган. Андан кийин Алдаярбек Абдылда хандын алдына барып, көп тартуу берип кыргыздардын бала-чакасын бошотуп алган.

Кыргыз санжырачыларынын айтышынча, ошол ирет Алдаярбек Кашкардан качып азыркы Алдаярбектин белин ашып Каражүлгө келет экен. (Алдаярбектин белин андан мурун киши ашпаган, «Алдаярбектин бели» деп аталып калышынын себеби ошол.) Алдаярбек Каражүлгө келип, андан тоо жагына чыгып Сарытикенди көрүп сапсары тикен экен, Көкжарды көрүп суусу жок көк жар экен, андан Ингенди көрүп мында камыш калың, экен, бугу, марал бар кенен жакшы жер экен, Шейитти көрүп от эле чагылат экен, кандай экенин биле албайм, бул жер шейит экен деген дешет. Демек ал жерлер ошол Алдаярбектин койгон аты боюнча аталып калган. Андан кийин Алдаярбек Анжиян жакка барып Кошкулак, Эсенбек, Мурзакелди, Кагазды, Бирике сыяктуу кутчунун аттуу баштууларын көчүрүп келип орундаштырган экен. Андан кийин Кашкарга Абдылда хандын алдына өзү тартуу соога берип, мурунку чабуулда туткун болуп калган катын-балдарды бошотуп алган.

Абдылда хан тарыхта, 1642-жылдары кыргыздарга чабуул жасайт. Аксай жайлоосунда Койсары бир 30 уулду баштап келип, Абдылда хандын кошунуна катуу сокку берет. Буга караганда Койсары бий жалпы сырткылык уруусундагы кыргыздарды бирлештирип келип, Абдылда хандын аскерлерин талкалаган, андан кийин 1661-жылы Абдылда хан бүтүн кыргыздар менен жарашат. Өзүнүн туугандары, балдарына ишенбей алты шаардын бийлигин бүтүндөй кыргыздарга өткөзүп, өзү ажыга кетет. Койсары бийди Кашкарга, Алдаярбекти Котенге, Куртка бийди Аксууга аким кылып бекитип кеткен. Алдаярбек болсо 1653-жылдары Котенде өлгөн (1599-жылы туулуп, 1653-жылы өлгөн).

Жалпы алганда, кутчу уруусу Каражүл кыргыздарынын 50 процентин, Акчий элинин 30 процентин түзөт. Төбөй, Караталдар Таласта жашайт.

Нойгут уруусу

Нойгут кыргыз элинин түпкүлүктүү урууларынын бири. Атактуу дастаныбыз «Манаста» сүрөттөлгөнүнө караганда нойгуттар Алтайда (Энесайда) жашагандыгы, ал уруунун Балта деген аксакалы Манастын таякеси болуп, Манасты тарбиялап коргогондугу, анын баласы Чубак Манаска өмүр бою жөлөнчүк болуп тургандыгы айтылат.

16–17-кылымдарда Аксуу дарыясынын бойлорунда кыргыздын нойгут уруусу жашагандыгы кытай тарыхтарында ачык баяндалат. Биздин атактуу санжырачыларыбыздын айтуусунча, божомол менен 250 жылдар мурун Какшаал дарыясы менен Кумарык дарыясынын кошулушундагы Арал деген жерди нойгуттар борбор кылып турушкан. Бул жерлер мал өстүрүүгө өтө ыңгайлуу болгон. Аңчылык кылышка да эптүү болгон. Алар жай күнү Сапарбайды жайлайт экен. Булар мал өстүрүүгө, айрыкча жылкы өстүрүүгө көңүл бөлөт экен.

Азыр дагы ошол жылкылардын уругунун саркындысынан калган Арал жылкысынын даңкы бар.

Бул уруунун Нойгут бий деген башчысы болгон. Анын малайы, кызматкери Көгөн деген киши болуп, кийинирээк ал Нойгуттун ордун ээлеп калган. Аялы алты уул төрөгөн болсо дагы турбай баары өлүп кеткен. Жетинчи ирет бир кыз бала төрөгөндө аны ырымдап «бул жаңылды» деп атын Жаңыл коёт. Кээ бирөөлөр Жаңылды Карачийдин Кошдөбөсүндө туулган дешет. Көгөмбий Жаңылды асемдеп, алпештеп эрке багат. Эркекче кийим кийдирип, ат миндирип, эркек баланын сөлөкөтү боюнча чоң кылат. Ал кыз өзү да акылдуу, зирек, шайдоот, сезгирлүү болуп чоңоёт.  Бала  чагынан эле ок, жаа атууда теңдеши жок кылдат адис мерген болуп жетилет. Ал уучулукту жакшы көрө турган. Мындайча айтканда, эр жигиттерге таандык иштердин баарын кыла турган болот. Ошондон аны эли сүйүп «мырза» дегенге кошуп Жаңыл Мырза деп аташат. Бойго жетсе да турмушка чыкпайт. Акылдуу болгондуктан терең ойлойт да, чыгыш жагыбыз Кара шаарда кыргыздар менен байыртадан бери чабышып келген калмактар турса, батышта Кашкарда хан Турсун жана башкалар турса, атамдын эркек баласы болбосо, элин мага ишенип бел кылып турса, мен  кайда барат элем дейт. Ал учурларда Кокон беги Үлөүрчөк Бургуй дегенди Кашкарды сурап турган Турсунбек деген феодал эзүүчү таптардын өкүлүнө жиберип, аны менен тил бириктирип, кол жыйнап нойгут элин басып алып, Жаңылды зордук менен катын кылмакчы болот. Жаңыл туюп калып элин-жерин бул ач көздөрдөн сактап калуу үчүн даярданып, экөө Марал башында учурашып катуу согушуп, Турсунбектин адебин берип талпагын ташка жаят. Ошону менен Маралбашыны каратып алып, ал жерге өзүнүн жакындарынан бир канча топ түтүндү көчүрүп барып, аларды чеп сактоого орундаштырат. Ошентип Жаңыл Мырзанын элинин атак абройу өсө баштайт. Уйгурлар дагы жакындашып, ого бетер катуу ынтымакташат.

Ошол учурларда азыркы Кыргызстандын Чүй дарыясынын боюнда кыргыз элинин башкаруу укугун колуна кармап турган чоң ак сөөк сарбагыш уруусу туруучу. Алардын Үчүкө, Түлкү деген ага-ини эки баштыгы болгон. Түлкү кичүүсү болуп, ал солто уруусунан бир байдын кызын алган экен, андан бир бала туулуп, баланын атын Тынай коёт экен, ал бала бешиктеги чагында эл жайлоого көчөт экен. Түлкү дагы көчүп жөнөй бергенде, ал келин атка минип туруп «Түлкү, бешикти мага алып берчи!» дейт. Түлкү бешикти алып бергенден кийин анын жанындагы теңтуштары аны тамашалап «Ой Түлкү баатыр, биз сени элибиздин төрөсү деп жүрсөк, катыныңдын кулу экенсиң го!» дешет. Бул сөзгө Түлкү өтө арданып, катынынын чачын кесип, кер байталга мингизип, кементайды кийгизип коё берген экен. Баласы Тынайды Түлкүнүн энеси багып чоңойтот. Түлкү бир канча убакыт аял албай жүрүп калат. Түлкү Жаңыл Мырзанын акылдуулугун, баатырдыгын, мергендигин, даңазасын угуп «Жаңылды өз көзүм менен көрөйүн, жакшы эле болсо алайын» деп агасы Үчүкө, достору Атагозу, Чабак жана бир канчалаган жолдоштору менен Чүйдөн аттанып, азыркы Акчий ооданы аркылуу Аксуунун аралына келет. Ал убакта Жаңыл Мырза үйдө жок болуп, Тянь-Шандын боорунда уучулук кылганы кеткен экен. Бир аз сактап, келбегенде, Түлкү өзү ак сөөктүк адатын кармап башкаларды теңсинтпей «Жаңылга мен бир тийишип көрөйүн» деп нойгуттун жылкысын бүтүндөй алып жөнөйт. Жаңылга тезинен кабар барганда, ал шашылып үйүнө кайрылбастан алардын аркасынан кубалап жөнөйт экен. Түлкү баатыр Какшаал дарыясын  бойлоп, Какшаалдын башындагы Ийрижардын алдындагы сазга жылкыны жушатууга салып, чатырды тиктирип, бир бээни союп, этин кемегеге бышырып олтурушкан чакта Жаңыл Мырза жете келет. Жол жардын башында болуп, Жаңыл жардын башынан түшүп караса, кемегенин отунун жарыгынан чатырдын ооз жагында олтурган Үчүкө, Түлкү ашкере көрүнүп турат экен. Жаңыл сынап олтуруп Түлкүнү жактырып, «Эгер ушу чын махабат байласа менин элимди кемсинтпегидей болсо мен ушуга турмушка чыксам да болгудай. Кыздын турмушка чыгыш байыртан калган жөрөлгө, ушундай болгондо сырткы душманга каршы туруу күчүбүз дагы артат эле», деп ойлонуп турат экен. Анын оюн сынап көрөйүн деп ууга ээрчитип барган тайганын коё берет, тайган аяк-быякка жойлоп, сойгон бээнин кан-жинин жыттап турганда, Түлкү баатыр көрө коюп «Баягы канчыктын канчыгы келип калыптыр, куралыңарды колуңарга алып даяр болгула» дейт. Бул сөздү Жаңыл Мырза угуп турат. Ал катуу арданып «Мени дегеле адам катарына албай итке теңейт экен» деп колундагы ок жаа менен тартып жибергенде Үчүкө, Түлкү экөө катар жыгылат. Быягында уктап жаткан Атакозу, Чабак экөө шашылып темтиреп ордунан туруп жатканда, аларды да атып жиберет. Жаңыл түшүп келип калган жолдошторуна «Мен силерге тийбеймин, коркпогула!» деп, эртең менен аларга көрдү каздырып төрт баатырды көмдүргөндөн кийин, алардын минишине бирден ат берип жолго салат. Бул жердин аты азыр дагы «Мөлө» деп аталат. Мөлөнүн мааниси кыргыз тилинде «кабыра» деген болот.

Үчүкө, Түлкүнүн жолдоштору Чүйгө жетип барып бул окуяны айткан соң эл журту өтө кайгырышат, арданышат. Булар масилеттешип, Жаңылдын баатырдык айбатынан коркушуп, иш баштоого батыналбайт. Акыры Анжиян, Ташкен жактардагы кыргыздардын башчысы, акылманы Шырдакбекти чакырат да, ал кишинин масилети боюнча иш көрмөкчү болушат. Алар «казак, кыргыз бир тууган» деп казактардын каны Тоокени жардамга чакырышат. Шырдакбек калгандарга «Аз убакта Жаңыл жайлоого көчүп Сапарбайга конуп жайлайт. Жетинчи айда үлүш берет. Ошол учурдан пайдаланып, анын өзү минген атын алып калалы, жылкысын сүрөлү. Аны менен беттешип урушуп, аны жеңе албайбыз. Жаңыл кууп келатканда жашырынып туруп, капыстан тийип кармап алсак болот» деп жол көрсөтөт.

Ушул боюнча жай болгондо Шырдакбек, Калматай хан, Тоокелер колун баштап, Аксай жайлоосуна келип дем алышат, эки шылуун, жарамдуу жигитти жерликче жасап кийиндирип жиберет. Алар Какшаал ылдый кирип, эл аралап жүрүп акыры Сапарбайдагы Жаңылдын үлүш берген жерине келип, абал күзөтүп жүрүп, меймандарды күтүп жүргөн учурдан пайдаланып, анын өзү минген атын алып качат. Жана бир нечеси Карачийдеги нойгут жылкыларын сүрүп качат. Аңгыча Жаңыл бир атына тердик салып минип, жаасын колуна алып аркасынан кубалап жөнөйт. Аларга жеталбай жүрүп отуруп акыры Каракулак деген жердеги Акбашат же Чапканкыя деген жерге барганда, жалпак таштын артына жашынып жаткан жаш баатыр Жаңыл өтүп баратканда жайдак аттын аркасына секирип минип, Жаңылдын эки колун карысынан куушура кармап, жааны атууга чамасын келтирбейт. Калгандары дагы келип биригип, Жаңылды байлап алып барышат. Жылкыны кан Тооке баштык бардыгы бөлүп, Жаңылды Атагозу, Чабактын тууганы 70 жаштагы Калматайга олжо катын кылып беришет. Жаңыл Мырза карабагыш Калматайдын колунда мусапыр олжо катын болуп, бир канча жылдар жүрүп калат экен, ошол мезгилдерде элдердин өзүнө, малына коркунуч салган ак жолборс чыккан экен. Ал ак жолборсту кармашты эл Жаңылдан өтүнүшөт. Күндөрдүн биринде, ал жердеги эл үлүш берет. Жаңыл ак жолборсту кармап элдин алкышына ээ болгон экен. Тойго жыйналган эл таң тамаша кылып атканда «Жаңыл мырзанын ок жаа атуу кылдаттык өнөрүн көрсөк дешип» сунуш коюшат. Калматай дагы уруксат кылат экен. Жаңыл Мырза «эмесе менин өз атым, өз кийимдерим, өзүмдүн ок жаа, саадактарымды берсеңиздер» дегенде, буларды алып келип беришет. Жаңыл өз атын минип, өз кийимин кийип, жаасын колуна алып, бир баланын калпагын асманга ыргытып, ал кайта түшкүчө тогуз жерин тешип атат, ичке жип менен байлап аткан жамбыны да үзө атат. Көргөн эл анын бул өнөрүнө жогору баа беришет экен. Анан Жаңыл Мырза «силер мага катылбагыла, эгер мага катылсаңар  катыгыңарды беремин, мен өз журтума кеттим» деп бастырып кетет экен. Калың эл «Мындай курбаттуу, жакшы адамды кулдантууга болбойт» деп аркасынан кубалабайт. Жалгыз Калматай кубалаганда жаа менен тартып жибергенде, калгандары токтоп калат. Жаңыл Мырза өз жерине келсе элинин көбү Лопнурга көчүп кеткен экен. Жаңыл Мырза Маралбашыга мурун жол коргоо үчүн орундаштырган жакындары көчүп, Маралбашынын Сарыкыя деген жерине орундашкан экен. Атасы өлүптүр. Жаңыл ошол Сарыкыяга барып аларга кошулуп турган кезде, Кашкарда аскер баштык болуп Бакаманжы деген муңгул турган экен. Ал зордук күчүн иштетип Жаңылды алмакчы болгондо, Жаңылдын урук туугандары жана бүтүн кыргыздар биригип аны өлтүрүп жиберишет. Андан кийин Бостонтеректе  турган Нарбий деген адам Жаңыл Мырза менен турмуш курууга жуучу  салат. Жаңыл ага «Мени оюнда ким жеңсе ошого тиемин» деп шарт коёт. Макулдашып экөө ат үстүндө алышып мында Жаңылды жеңалбайт, андан ордо атышат, мындан Жаңыл жеңилип калат да, убадасына уба кылып Нарбий менен турмуш курат. Андан эки балалуу болгон экен. Туугандарынын бир бөлүгүн Бостонтерекке көчүрүп барат. Сарымияда калып калган кыргыздар жерлик калктарга сиңишип кеткен болсо да, өз тилин жогото элек. Эми Жаңылдын туугандары нойгут деген уруунун калдыгы азыр деле Бостонтеректе,  Актоодо бар.

Жаңыл эри Нарбий жана балдары менен бирге Лопнурдагы туугандарына учурашууга барганда Кара шаардагы Бакаманжынын туугандары угуп калып алардын кайтыш жолун тосуп, аларды кармап, Жаңылды эри менен Башегим дарыясына агызып өлтүргөн экен.

Эми Жаңылдын эли башка жайга качпай не үчүн Лопнурга качып барат? Мунун негизи бар. Карылардын айтышы боюнча, байыркы замандардын Энесай доорунда Манас баатыр менен замандаш кыргыздардын кыз Сайкал деген баатыры болуп, ал Лопнурда туруучу экен. «Манас» дастанында сүрөттөлүшүнчө кыз Сайкал менен Манас экөө күч сынашмакчы болуп, бир убакта Аксуу дарыясынын боюнда экөө атчан кармашып калып, кыз Сайкал Манасты найза менен сайып түшүргөн экен. Жана экөө басташып ат сүрөгөн экен, бир-бирин сүйүшүп махабат байлашкан да экен, бирок кандайдыр экөө турмуш куралбаган, ошондой болсо дагы Манас баатыр өлгөндө кыз Сайкал анын өлүмүнө барып катышып, кошуп ыйлап, аза күткөн дешет. Сайкал Лопнурда туруучу экен. Эми Жаңылдын эли Лопнурга Сайкалдын урпагы эли бар деп, аларды эш тартып көчүп барган дешет. Бирок Сайкалдын эли Лопнурга кандай орундашкандыгы жөнүндө анык маалымат жок. Бул жердеги кыргыздар 15-кылымдан баштап батыш Тяншанга көчкөндө, алар бул жерде калып калган болушу керек. Андан башка азыркы Токсуу, Шайарларды, Чоң жылдыз, Кичи жылдыз, Тойболду деген жерлерде кыргыздар бар. Алар ошол жерлерге Кара шаардын Чоң жылдыз, Кичи жылдызынан көчүп келип отурукташып, ошол жерлерге наам коюп, кийин алардын урпагы уйгурларга сиңип кеткен деген аңыздар бар. Лопнур кыргыздарынын өз тилин азыркы уйгур интеллигенттери моюндабай турат.

Жаңыл Мырзанын кайсы убакта өткөнүнө келсек, Жаңыл Мырзанын замандашы Түлкүнүн төртүнчү урпагы Шабдан баатыр 1912-жылы өлгөн, анын замандашы казактардын ханы Тооке 1698–1718-жылга чейин хан болгон адам. Буга караганда, Жаңылдын өткөнүнө 200 жылдан жогору 300 жылга жетпеген убакыт болот.

Адигине уруусу

Биз мурун Адигине, Тагай бир тууган деген элек, Эми санжырачылардын айтышынча Адигиненин Муңгуш деген бир иниси болгон дешет. «Анжиян кыргыздары» же «Түштүк кыргыздары» деп аталган көп сандагы кыргыздар ушул Адигине менен Муңгуштан таралат. «Ат туягындай Адигине, Тай туягындай Тагай» деген эл макалы дагы Адигине урууларынын көп экендигин далилдейт.

Адигинеден баргы, бөрү, жору, бакал, бөлөкбай, тегизбай, жаамбай, кашка, тасма, токтош, теним, сейит сыяктуу 12 уруу таралат. Баргы уруусу сары баргы, кара баргы, таз баргы деп үч урууга бөлүнөт. Баргы уругунун Алымбек датка деген башчысы болуп, Анжиян кыргыздарын бийлеп турган. Ал өлгөндөн кийин аялы Курманжан ордуна отурган.

Эми Муңгуштан Каштамга, Жагалмай деген эки уулу, Каштамгадан алты уул, Жагалмайдан алты уул болуп ар бири бирден урууга таралат. Жагалмайдын алты уулунун биринин аты Жоош экен, мындан Балык, Кожожар (Кудаяр) Ороз деп үч уул болгон. Жалпы Жоош уругу ушул үч атадан таралат. Биздин Ата Мекенибиздеги жоош уругу бул үч атанын биринен болуп алты ата уулу Кудаяр деп аталат. Абыке, Мама, Иман жана башкалар болуп 12 уруу Муңгуштун балдарынан тараган. Тармак уруулар 49 га жетет экен.

Кыпчак уруусу

Кыпчак уруусу бүтүн кыргыз улутунун ичинде болуп, кытай кыргыздарынын ичинде көбүрөөк санды ээлейт. Булардын келип чыгышы кыргыз санжырачыларынын айтуусунда 40 уруу кыргыз элинин 30 унан сырткылык тараса, 10унан ичкилик тараган. Ушул кыпчактардын азыркы Кызылсуу дарыясынын оң тарабында орундашкан уруулары ичкилик – оң кыпчактар, сол тарабында орундашкан уруулары – сол кыпчактар деп аталат. Мына буларды жограпиялык (географиялык– ред.) жагдай ушундай бөлүп тил, үрп-адат жагынан да бир биринен көп айырмаланат. Азыркы заман тарыхчыларынын карашынча, айрыкча татар тарыхчысы Шыхаптын «Пайдаланууга тийиштүү кабарлар» деген китебинин мазмунуна караганда, кыпчак байыркы түрк урууларынын бири болуп, батыш жактагы душмандан коргонуу үчүн Орол дарыясынын чыгыш жагындагы кең талаага орундашкан. Бул Азиянын батыш чек арасы болуп, тарыхта Дешти кыпчак (кыпчак талаасы – ред.) деп аталган жана «Дешти кыпчак кандыгы» деген кандыгы да болгон. Булар узун убакыт бул жерде күчтүү, күжүрмөн эл болуп турган. 16–17-кылымдарга келгенде булардын бийлиги жыгылып, коомдук түзүлүшү бузулуп таркалат. Байыркы Ата Мекени болгон Орто Азияга карай качып келишет. Алар өзбектердин, казактардын арасына, көбүрөөк бөлүгү кыргыздардын арасына келип турукташып, бара-бара сиңип кеткен дагы мурунку кыпчак деген атын сактап келген. Азыркы убакытта кыргыз ичинде, казак ичинде, өзбектер ичинде кыпчак деген уруулардын келип чыгышынын себеби мына ушул.

Кандай болбосун бул уруу баатыр, жоокер, эркиндикти сүйө турган, бийлик иштерин колуна кармап келген, өздөрүнүн өнүгүшүндө көптөгөн баатырларды, көңтөрүшчүл азаматтарды жетиштирген эл. Маселен, 15-кылымдарда Мисирди башкарып туруп дүнүйөгө таанылган Кантпай, Тооманбай, 16-кылымдарда чыккан Курманбек, 17–18-кылымдарда чыккан Шырдакбек, Акимбек, 19-кылымда чыккан Дилде баатыр, Сыдыкбек, жакынкы заманда Ташкоргон көңтөрүшүнө баштамчылык кылган Мамет Анса, Аким Шерип Аамат, Кожомкелди сыяктуулардын бардыгы зулумга каршы күрөш кылган жоокер баатырлар болуп эсептелет. Эми негизги баатырларына кыскача токтолобуз.

Кайтпай менен Тооманбай

13-кылымдын баштарында муңгулдар күчөп Чыңгызхан жана анын балдары батышты көздөй зор күч менен сүрдүү чабуул жүргүзүп, Орто Азиядагы Харазем кандыгын, Багдаддагы Мухаммед байгамбардын из басары болгон  арап  халипалыгы сыяктуу чоң мамлекеттерин басып алып, кыргындап Мисирге чейин жетип барган эле. Мына ошол убакытта Мисирди башкарып турган «Колдар дөөлөтү» деп аталган бир дөөлөт болуп, булар Чыңгызхандын чабуулуна кайтарма сокку берип, кайта кубалап, чегиндирген эле. Ошондон кийин Чыңгызхандын күчү кайта баштап, кайта чегинген болучу. Мына ушул дөөлөт арап тарыхчыларынын ишеничтүү маалыматына караганда, араптар Орто Азияга жүрүш кылганда бул жерлерден туткун кылып алып барып кулдантып, ордо кызматына иштешип жүрүп кийинирээк такытка ээ болгон. Асили кыпчак уругунун  урпактарынан чыккан. Булардан Кайтпай, Тооманбай деген эки баатыр болуп, көп каармандык иш издери болгон. Бул экөөнүн эки кылычы азыр дагы Каирде дөөлөттүк музейканасында сакталып ту рууда.

Курманбек

Бул баатыр зулумга каршы күрөшкөн жоокер. Ал кыргыз элинин тарыхтан берки өчөгүшкөн жоосу муңгул баскынчыларына каршы күрөш кылган. Кыргыз элинин мурунку жөрөлгөсү боюнча 40 жигит кармаган. Ал өзү муңгулдардан коргонуу үчүн Үчтурпанга сепил соктурган. Өзүнүн Телтору атын байлап сактай турган орун жасаткан. 16-кылымдын аягында Кашкарда кан болуп турган. Адилеттик оор басыктуулук менен элине жаккан Ак кан же болбосо Аппак кан (өз аты Абдлитин кая, 1618-жылы дүйнөдөн кайткан) менен чыныгы дос болуп, бул эки улут биригип туруп зулумга каршы күрөшкөн. Акыры Карашаардагы муңгулдар менен болгон бир урушта жөлөгү жок жалгыз болгондугунан, душман колдуу болуп дүйнөдөн кайткан.

Шырдакбек

Шырдакбек 17-кылымдын аягында өткөн кыпчак элинин баатыры жана акылман башкаруучусу болуп, зор атакка ээ болгон. Өзү Анжияндын Пайтык деген жеринен болуп, кийинирээк Нарындын Куртка деген жеринде турган. Бул жерде сарбагыштардын Үчүкө, Түлкү деген баатырлары баатыр кыз Жаңыл Мырзанын колунан өлгөндө, алар баатырларынын кунун кууп алуу үчүн кол курап жүрүш кылууга даярданганда, Шырдакбекти чакырып келип кол баштоону өтүнүч кылган. Шырдакбектин масилети, акыл көрсөтүшү боюнча иш жүргүзүшүп, Жаңыл Мырзаны да колго түшүргөн.

Шырдакбек кийинчерээк Шиңжанга келип, Жеркенге аким болуп турган экен. Андан кийин азыркы Актоо ооданы курулган жерге сепил соктуруп ошондо турган. Ал акыркы өмүрүндө кыргыз элинин тарыхтан берки жоосу болгон калмактар менен кармаша келген, чыккынчы катын кастыгы себепчи болуп өлөт экен. Шырдакбектин катыны жоого сатылып, анын жаткан жерин, коргонуу абалын, балким жалпы абалын душманга ашкерелеп берген экен. Душмандар катындын айтуусу боюнча түн ичи кокусунан басып кирип, Шырдакбекти кармаган. Анын катыны эринин боз жоргосун минип алып жоого карай качып келип багынып кирип кетет. Калмактар «Шырдакбек сени кандай асырап багуучу эле?» деп сураганда, катын: «Шырдакбек мага аптасында 40 кара койдун шыйбылчагынын чучугун жыйнатып, ошого палоо жасатып багуучу эле» деген экен. Алар: «Эмесе ушундай урматтаган кишиге опаа кылбаган соң, бизге да опаа кылбастыгың анык» деп боз жоргонун куйругуна байлап, тикендүү какырага коё берип өлтүргөн экен. Анын урпагы Аким Шерип Ташкоргон көңтөрүшүнө баштык болгон. Мындан башка Кокон кандыгына зуңли (аскер башы – ред.) болуп, алардын тагдырын, укугун өз колунда кармап келген Мусулманкул деген дагы кыпчак уругунан. Бул кандыктын бүтүн аскери иштерин башкарып турган

Молдо Алымкул деген да кыпчак уругунан болуп 1865жылы Оштун Миңөрүк (тарыхый маалыматта Алымкул жарадар болгондон кийин Ташкенде өлгөн (ред.)) деген жеринде курман болгон.

Делде баатыр

1816-жылы Кашкарда Зияудун деген бир билимдер адам манчиң (Чин империясы – ред.) өкмөтүнө каршы козголоң көтөрүп, бир нече убакыт урушуп, акыры жеңилгенде Зияудун менен кичинекей баласы Ашапбекти кармап, Бейжинге алып барып, атасын дарга асып өлтүрөт. Баласы кичи болгондуктан багып жүрүп, балагатка жеткенде аны да дарга асып өлтүрөт. Кытайча тарыхта, Зияудун кыргыз улутунан деп жазылган. Бизче улуту азырынча анык эмес. Эми анын кол астында аскер башчысы болуп жүргөн Дилде баатыр деген адамды кармай албай бир нече убак тоо-ташта уруш кылып жүрүп, акыры манчиң өкүмөтү кармап бастырат. Ал киши кыргыздын кыпчак уруусунан болуп, бул кишинин жыл ашын өтө зор салтанаттуу өткөрөт. Акчийден Ажыбек баатырдын агасы Исмайыл башчы бир канча кишилер барып ашка катышып, Күлүк күрөй деген атты чаап, ал чыкканда бир адам баштап бир канча байге алып келишкен.

Кимбек менен Сыдыкбек

Кимбек кыпчак уруусунун башчыларынан болуп, манчиң өкүмөтүнүн Чанлоң каны ваңдык мансап берген. Кимбектин аты мамлекеттик архивде сакталууда.

1862-жылы Сыдыкбек деген киши манчиң өкмөтүнө каршы козголоң көтөрүлүп Кашкарды тартып алып эки жыл турган соң Якупбек тарабынан бастырылган. Бул өзү кыпчак уруусунан болуп, азыркы Актоо ооданы курулган жерге жакын Ягычак деген кыштоодон экен.

Кыпчактар негизинен кыпчак, найман, тейит, кесек деп төрт чоң урууга бөлүнүп, булардын ичинен да бир нече майда уруулар таралат. Кыпчак 7 урууга, Тейит 9 урууга, Кесек 12 урууга бөлүнүп таралат.

Байыркы замандагы кыргыз элинин диний ишеними, маданияты, санаа-салты, үрп-адаты жана астрономиялык илими. Диний ишеними

Кыргыздар байыркы заманда жалпы түрк элдери сыяктуу шаман динине  ишенип келген. Алымдардын изилденишине негизденгенде, шаман дини өтө байыркы дин болуп, алды менен Орол, Алтай элдеринде өркүндөгөн. Шаман деген аталма ушул динге ишенүүчүлөрдүн башчысынын аты болуп, ошонун аты менен аталган. Татарча «Диндер тарыхы» деген китептин «Байыркы түрктөр жана шаманчылык» деген баяндамасында «байыркы түрктөр 5 түрлүү элементке ишенүүчү, булар – жер, жыгач, күн, от, суу болуп кийин жер менен көккө гана бириккен… Шаман дининдегилер көк теңирине сыйынгандан сырт дарыяга, булакка, тоого да сыйынат, бул элементтерди  келечекте боло турган иштерден кабар бере алат деп карашат» деп жазат. Чыгыш таануу маманы Малов мындай деп жазат: «Ар бир шамандын өзүнө тиешелүү жасаткан барабан, думбак, даптары болуп, аны чалганда кишилер чимирик болуп ойноп, талып калат. Булар бул оюнду (бакшылыкты) жаман рухту кубалоо, кандай нерсени курман чалууну билүү, оору кишинин оорусун билүү, өлүм жана башка балаа казадан сактануу, башка жайларда кандай абалдар болуп жаткандыгын билүү үчүн иштетет. Оору-сыркоо көбүнчө жаман рухтун таасиринен пайда болот, деп карашат. Түш жоруйт, төлгө салат, жылдызга карап келечекти белгилейт.» Корутундулап айтканда доордо дагы бизге учурап жаткан бакшылык, төлгө салуу, далычылык, көөрүм көрүү, пери ойнотуу сыяктуулар шаманизмдин калдыгы экендиги анык. Чоң тоо, чоң дарак, ай, жылдызга сыйынуу да шаманизмдин калдыгы. Байыркы заманда өлгөн өлүктөр менен бирге жемек-ичмеги, нерсе керектери, минген аты, ээр жабдыктары бирге көмүлчү экен. Эгер улук саналган кишилер өлсө, анын кызматкерлери да бирге көмүлчү экен. Байыркы замандагы тутизимдин (тотенизм болсо керек – ред.) калдыгы азыр дагы кыргыздарда бар. Маселен, азыр дагы бөрүнү ак жолдуу, түлкүнү кара жолдуу деп карашат. Уруунун жана кишилердин аттарын улуу саналган айбандардын аты менен аташат. Маселен, бугу уруусу сыяктуулар тутизм, шаманизмдин калдыктары. Энесайдагы орхун бүтүк таштарга Бекаалы (Билген-каган болсо керек – ред.) деген бир киши «Жети бөрүнү өлтүрдүм, илбирсти өлтүрдүм» деп жазган бир сүйлөм сөз табылган. Изилдөөчүлөр «Бул өтө жырткыч, зыяндуу болгон душманды өлтүрдүм, өтө зыяндуу эмес бир душманды өлтүрдүм, деген жабык идиомлык сөз болушу мүмкүн» дешет. Мен дагы ушул пикирди кубаттаймын. Илбирс кыргыздардын тутуму болсо, эл ичинде аз болсо да бирер изи калар эле. Бөрү бардык түрк уруулардын орток туту болгондуктан анын ыйыктык изи жогоруда айтылгандай азырга чейин элдин арасында сакталып келе жатат. Маселен, кишилер бөрүнүн чүкөсүн, тырмагын чоң кичи дебей, эр аял дебей тумар ордуна тагынат. Баласы токтобогон кишилер жаңыдан төрөлгөн баласынын токтоп калышын тилеп, союлган бөрүнүн оозунан өткөрөт. Бул дагы шаманизм, тутизмдин калдыгы, демек байыркы кыргыздар шаманизм динине ишенгендиги, анын саркындылары азырга чейин сакталып келе жаткандыгы анык. Кыргыздар ислам динин 16-кылымдан кийин кабылдаган.

Жазуусу

Кыргыз улуту тарыхта өтө байыркы улут болуп саналат. Кыргыздар байыркы заманда азыркы Алтай тоосунун чыгыш-түндүк жагын жана Энесай дарыясынын баш агымын мекендеп, бул жайларда мамлекет курган. Бул кандык 840-жылдан 1207-жылга чейин уланган. Бул доорлордо кыргыздар олтурукташып, дыйканчылык кылган. Жазуу жаратып, маданият иштери менен алпурушкан. Алардын туңгуч ирет жараткан «роник» (руникалык – ред.) жазуусу жөнүндө Европанын аалымдары «кыргыздар 5-кылымда роник жазуусун жараткан. Бул жазуу кийинирээк кыргыздар аркылуу түрктөргө, карлуктарга, андан кийин уйгурлар, басмылдарга таркалган», дешет. Америкалык тилчи аалым Каннен Катиснер өзүнүн «дүйнө тили» деген чыгармасында «Азыр биздин билгендерибизге негизделгенде, өтө байыркы түрк улуту кыргыздар. Алардын жазма эстеликтери мындан 200 жыл мурун эле бар болучу», деп жазат. Мына бул кыргыздардын маданияты, агартуу иштери өтө байыркы заманда эле башталгандыгын айгинелейт.

11–12–13-кылымдарга келгенде кара  кытайлар жангандан кийинки Чыңгызхан, кийинки Жунга моңгулдарынын чегинен ашкан зулуму менен баскынчылыгында кыргыздар кырылып, кырылгандан калгандары туш-тушка качып туруктуу турмушу бузулгандан кийин, маданияты ойрончулукка кезигет, бүтүндөй жоголот. 16-кылымда ислам динин кабылдагандан кийин мурунку жазуусун бүтүндөй унуткан, кийинки жазуусу божомол боюнча 18-кылымдан кийин бардыкка келген. 18-кылымдан баштап арап алфавитин колдоно баштаган. Ал доордогу кыргыздардын өз ара байланышында жана кат чектеринде аралашма чагатай жазуусу көп учурайт.

Адабияты

Дүйнөдөгү ар бир улуттардын өздөрүнүн улуттук көркөм өнөрү жана адабияттары болгондой эле, байыркы заманда кыргыз элинин да улуттук адабияттары бар болуп, көлөмү чоң дастандары, жомоктору, жөө жомоктору, кошоктору, элдик ырлары, махабат ырлары сыяктуу сан-санаксыз элдик адабият казыналары эл ичинде урпактан урпакка сакталып келе жатат. Турмушта кичине бир окуя болсо, ага карата жомок курап калтыруу кыргыз элинин туума таланты. 13-кылымда өткөн араптын аалымы Якут Хамавий өзүнүн китебинде «Кыргыздардын сүйлөгөн сөздөрү уйкаш келет» деп жазган. Башка улуттардын интеллигенттери да кыргыз элинин чечендигин, шыктуулугун, акындыгын, акылдуулугун айрыкча оозго алышат. Ааламга атагы кеткен «Манас» дастаны, ошондой эле кенже дастандардан «Курманбек» «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Жаңыл Мырза» сыяктуу көптөгөн дастандар жана «Жейренче чечен» сыяктуу сансыздаган жөө жомоктор, махабат ырлары, салт ырлары, эмгек ырлары, кошоктор улутубуздун чексиз акыл оюнун оргуп чыккан булактары жана маданият казынабызга салган баа жеткис каухарлары, булардын ичинен «Манас» дастаны үстүндө кыскача токтолуп өтөмүн. «Манас» дастаны тарых болбосо да, бирок тарых менен тыкыз байланышы бар. Анткени кыргыз эли өзүнүн коомдук өнүгүшүн, эрктүү турмушун, улуттук мурасын коргоо үчүн байыртадан зулумга каршы күрөш кылып келе жаткан жоокер эл. Маселен, кыргыз эли эрабыздан мурун ундардын баскынчылык зордук-зомбулугуна каршы, андан кийин 11–12-кылымдарда кара кытайдын (кидан) зордук-зомбулугуна, анын аркасынан Чыңгызхан жана анын уулдарынын зордук-зомбулугуна каршы катуу күрөш кылып келди. Андан кийин жана 17–18-кылымдарда моңгулдарда Жуңгария кандыгына каршы күрөш кылды. Ошол замандарда кыргыз элинин тарткан катуу зулуму, зулумга каршы күрөшү кандуу согуштар, катуу айыгышуулар жана анын идеялык таасири урпактан урпакка улана берди. Эмгекчи эл массасы өздөрүнүн башынан өткөрүлгөн тарыхый окуяларын, ой максатын, эңсеген тилегин, адабий жанр аркылуу билдирмекчи жана урпактарга калтырмакчы болушту. Бул улуу тилек акыры «Манас» дастанын жарыкка чыгарды. «Манас» дастанынын жаратуучусу бир киши болбостон, калың эл. Дастандын  мазмуну жалгыз гана зулумга каршы күрөшүү гана эмес, балким кыргыз элинин турмушу, коомдук түзүлүшү, бийлик түзүмдөрү, согуштук өнөрү, улуттук салт-санаа, үрп-адаттары, маданияты, диний ишеними сыяктууларды да өз ичине алат. Ошон үчүн бул дастаныбыз өтө зор коомдук кымбатка ээ. Биз эле эмес, башка элдердин илимпоздору дастаныбызды «Турмуш энциклопедиясы», «Талаа Илиядасы» деп жогору баалашат. Бул туура баа, ага башка сөз кошуунун кажаты жок.

Байыркы заман кыргыз эли тарыхый окуяларды жазып калтырбагандыгы үчүн дастандын жарыкка чыккан убакты анык эмес, ошондой болсо да, дастандагы окуяларга карап изилдегенде 11–12-кылымдардан баштап жарыкка чыга баштагандыгы анык. Кара кытайлар да ушул доордо кыргыздарга басып кире баштаган. Моңгулдар дагы аларга удаалаш басып кирип, кыргыздарды кыргын кылган. Бул эки эл менен кыргыздардын катуу согушу үзүлбөй уланып турган. Дастаныбыз мына ушул доорлордо өздөрүнүн зулумга каршы күрөштөрүнүн күзгүсү иретинде элдин жүрөгүнөн оргуп чыккан.

Дастаныбыз алгачында жөнөкөй, кыскарак болгон, замандын, коомдун өркүндөшүнө шайкеш бара-бара жаңы окуя, жаңы мазмундар кошулуп байып олтурган. Эл ичинде сакталып келе жаткан байыркы вариант боюнча айтылган кээ бир эпизоддор жана 19-кылымдын ортосунда Кашкарга  саякатка келген казактын атактуу аалымы Чокан Валихановдун эл ичинен жазып алган «Манас» жомогунун эстеликтери дастаныбыздын алгачкысындай жөнөкөй болгондугун далилдеп отурат, Азыр дастаныбызда айтылган 7 урпакка чейин жеткен жомоктор түрлүү айырма боюнча эл арасынан жыйнап алынган 500 миң, саптан артат (кытайдагы варианты – ред.) Кайталанган ырларды чыгарып таштаганда дагы, 300 миң саптан артат. Азыркы заманга чейин көлөм жактан дүйнө боюнча даңкы чыккан Индиянын «Махабарта» дастаны 225 миң сап, гректердин  «Иллиадасы» 50 миң саптан ашпайт.

Жогоруда «Манас» дастаны жөнүндө кыскача токтолдум. Эми атактуу манасчыларыбыз жөнүндө азыраак айтып өтөм.

Эң алгачкы Манасчынын ким экендиги анык болбосо да, атактуу манасчы Сагынбай менен Жусуп Мамайдын айтышынча Манастын 40 жигитинин ичинде «Ырчы уул» деп аталган бир жигит болуп, Манастын баатырлык иштерин ошол жигиттин жамак ыры менен калтыргандыгы маалым. Ошондон берки урпактар биринен бири үйрөнүп, байытып олтурган. Жакынкы заманда, Ата Мекенибиздеги атактуу манасчылардын  бири Акчий ооданынан Жусупакун Аппай уулу, бул киши өтө таланттуу, угуттуу киши болуп, Манасты байытууда өтө көп эмгек сиңирген. Ал бала чагынан баштап эле эл кыдырып, Анжиян, Ошторго барып Манасты Алтай ырчы деген кишиден үйрөнгөн. Андан кийин жана Тыныбек Жапыйдан 10 жыл үйрөнүп келгенден кийин Манасты Керметоону кыдырып жүрүп айткан. Жана эл ичине кеңири тараткан. Сагынбай 1916-жылы Акчийге келип, Жусупакун менен «Чоң казатты» айтып сынашкан. Сынчылар «Сагынбай Талас жактагы окуяларды жакшы айтты. Жусупакун Манастын Бейжинге жүрүш кылганын, бул жүрүштөгү баатырларды, жеңилип кайткандыгын, Манастын, Чубактын, Алманбеттин армандарын жакшы айтты» деп баалашкан. Сагымбай өзү да «Жусупакундун Манасты айтуу ыкмасы менден жакшы экен» деп корутунду чыгарган. Жусупакундун үнү шаңдуу, муңдуу, кыймылы өзгөчө артык экен, Манасты айтканда колу, тула бою тең кыймылга келип, төрдөн заматта коломтого келип, кайра аркасына жанып барып айтчу экен. Жусупакун 1918-жылы советтин Аксай жайлоосуна барганда, ал жердегилер Манасты бир нече күн айттырган, ар күнү беш сааттай айткан. Башкалар «ушундай айтсаң, Манасты канча убакытта айтып болосуң?» деп сураганда, Жусупакун: «Манас, Семетей, Сейтек, Алымсарык, Кененимсарык – 5 урпакты үч айда айтып болом» деген. Жусупакун 1920-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын Мусанжан, Мамбеттокту, Балбаймолдо деген шакирттери болгон. Балбаймолдо окуп билим алган диний адам болуп, «Манас» дастанын жыйноого айрыкча күч жумшаган. Иниси Кожобайды Ат-Башыга жиберип, Сагынбай айткан «Манасты» көчүртүп келип иниси Жусуп Мамайга берген. Жусуп Мамайдын азыр айтып жатканы Жусупакун менен Сагынбайдын бирлешме варианты болуп, аны байыткан. Мекенибизде Жусупакун, Жусуп Мамайдан башка Акчийде Оронбай, Ыбрай, Ботой, Улуучатта Темир, Эшмат, Таабалды, Текесте Сатыбалды сыяктуу даңк чыгарган манасчылар болгон. 1962–1965-жылдары Мекенибиздеги бүткүл кыргыз элин кыдырып «Манасты» жыйнаганыбызда 77 манасчыга жолуктук. Мындай караганда, элибиздин мурдатан эле Манаска кызыгып үйрөнгөндүгүн, топтогондугун, байыткандыгын көрөбүз.

Той иштери

Байыркы заманда уул, кыз кичине кезинде, ал түгүл туула элек кезинде эле алардын ата-энелери бел куда болуп коюшчу. Кыз чоңойгуча уул тарап кыздын атасына бүтүшкөнү боюнча көптөгөн калың төлөчү.

Кыргыздарда кыздын тою өтө салтанаттуу өтөт. Куда түшөрдө кыз тарап келе жаткан куданын алдына чоң улак таштап кызуу күтүп алат. Кудаларды үйгө баштаганда аларга ак ун чачып, алар үчүн ак жол тилейт. Куда түшкөн күнү уул менен кыз жүз көрүштүрүлөт, экөө арка-бериш отургузулуп, аларга тең садага кагылат, андан кийин жарыштырылып, экөөнө бакыт тиленет. Кечиндеси жаш уландар менен келин кыздар кыз бар үйгө чогулуп «токмок салды» оюнун ойношуп, той кылгандарды куттукташат. Кызды узатканда аялдар, кошок кошуп ыйлап, кызга бакыт тилейт. Көчүргөн кызга байыртадан шөкүлө, элечек сыяктуу улуттук кийимдер кийгизилет. Кыз кайын атасыныкына барганда кайын атасы, баштуу эрлерге көрүнбөй бир мезгил качып жүрөт. Бир мезгилден кийин көрүнсө да жүгүнүп таазим кылып турат. Кайын-журту жактагы өзүнөн улуу эр-аялдардын атын тергейт. Бул урматты билдирет. Кыргыздар 7 ата өтмөйүнчө бир уруу кишилер бири-бири менен никеленбейт, кыргыздар аялдардын эрден ажырашын өтө намыс деп билет.

Өлүм иштери

Азыр өлүмдү узатуу иши ислам дининин расмыйаты боюнча аткарылып жатат. Өлүм ээсинин аялы кара кийим кийип, тетири карап, өлгөн кишинин жакшы иш издерин кошок менен айтып, үн салып ыйлап олтурат.

Бул иш жылына чейин созулат. Өлүмгө келген кишилер мейли аттуу, же жөө болсун, ыраактан өкүрүшүп келишет. Өлүмгө өлүүчүнүн чарпына карай чыгым жумшалат. Өлүмдүн күнөөсүнөн арылтуу үчүн дорон-ыскат берилет, мындан тышкары жыртыш берилет. Кыркы жана ашында мал союлуп  куран окулат, кара түшүрүлүп, өлүм ээсинин чачы алынып, чапан, же көйнөк кийдирилет. Жыл тогошкондо ашы берилет. Бул ашта ат чабуу, жорго салдыруу, эр эңишүү, тыйын атуу, улак тартуу, теңге эңүү, жөө күрөшүү сыяктуу улуттук оюндар ойнолот, илгерки заманда жана төө чечтирүү, таздарды өпкө чабыштыруу, теңге тиштөө сыяктуу оюндар да болчу.

Жаштар мака чөлүм, оромпой, шабият, көл бука, теке тырмыш, аркан тартышуу, селкинчек, токмок салды, тогуз коргоол сыяктуу оюндарды ойношот.

Мындай салтанаттуу аш-тойлордо 1–2 миң кишини узатуу кыргыздарга анча деле кыйынга түшпөйт. Анткени, көпчүлүктүн жардамына таянып узатылат. Аш берүүчү кишинин тууган-уругу, куда-сөөгү, дос-жары ыраак жайлардан үй көчүрүп, мал айдап келип, 2–3 күндүк мейманды аябай күтүп узатат. Башка жардамы болсо да кылышат. Бул кыргыздарда башталгыч коому доорунан бери карай келе жаткан жөрөлгө.

Мейманчылыгы

Кыргыз элинин башка элдерден өзгөчө асыл жөрөлгөлөрүнүн бири – мейман достугу. Келген мейман мейли тааныш болсун, болбосун, кыргыздар аны күчүнүн жетишинче сыйлап узатат. Үйүндө ар кандай кеңири ашы болсо да аны бир жакка кайрып коюп, келген мейманга кой, тай же сүт эмди бото тайлак соёт. Мейманды жайсыз кондурса же кондурбай койсо журттагы бүткүл элдин айыбына калат, төлөм төлөйт. Байыркы заманда өткөн бала болуш Байгазынын мейман достугун уккан киши айран калат. Жакынкы заманда өткөн Токсоба деген киши бир түнкү уяттуу меймандарга кысталып калганда, өзүнүн жүз койдук кара кашка күлүк атын союп, мейман кылгандыгы азырга чейин эл оозунан түшпөй жүрөт.

Астрономиялык илимдери

Кыргыз эли эзелтен мал чарбачылык, дыйканчылык, уучулук менен алпурушуп келген эл. Алар узун жылдык турмуштук тажрыйбаларына негиздене отуруп, 12 жылды айбанаттардын аттары менен белгилеп чыгышкан. Алар чочко жылы – токчулук, жылан, жылкы жылдары каатчылык болорун белгилешкен. Малдын төл алуу мезгилин суук дагы, ысык дагы эмес беш тоголго (үчүнчү ай) тууралашкан. Ай менен үркөр же сары жылдыздын тогосунда суук боло тургандыгын, же шамал чыгып, жаан жаай тургандыгын тажрыйба аркылуу байкап, бул мезгилде малга дыкат карай турган болгон. Күндүн, айдын курулушу жана айдын жаңыдан туулушуна карап мезгилди белгилешкен. Беш тогол айланасында жана 22-марттан 27-мартка чейин болгон мезгил алмашуу мезгилинде сары кар түшө тургандыгын, 70 жылда бир ирет, же 40 жылда бир ирет асманда куйруктуу жылдыз көрүнүп, каатчылык боло тургандыгын билишкен. Анткени, ал жылдыз жерге жакыныраак келгенде анын атмосферасы жердин атмосферасына таасир көрсөтүп, өзгөрүш пайда кыла тургандыгын тажрыйбадан өткөргөн.

12 жылга чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, доңуз деп ат коюп, кишилердин ушул жылда туулганы боюнча эсептешкен.

Кыргыздар колдонуп келген айдын аттарынын көбү айбанаттардын аттары. Алар кыргыз элинин уучулук кылууда тажрыйбасынан келип чыккан болуп, ушул айбандардын төлдөө мезгилине туура келет. Бул мезгилде кыргыздар уучулук кылбайт. Кыргыздардын бул айлары шамсия календарына тууралап түзүлгөн болсо дагы, муну эсептеште асмандагы айдын жаңырышына карап, камария календары боюнча эсептешкендиктен төп келбей, оошуп өзгөрүп кетүү абалдары келип чыгат. Анткени, шамсия календарында бир жыл үч жүз алтымыш беш күн, камерия календарында бир жыл 354 күн. Байыркы заман кишилери бул абалды түшүнгөндөн кийин, кийинирээк ар бир 3 жылда бир айды кошуп жиберип 13 айга толтуруп эсептеп чыгара турган болушкан. Мындан башка эл аралык астрономияда «чоң аюу» деп аталган 7 жылдызды кыргыздар «жетиген» деп, «кичи аюу» деп аталган жылдызды «темир казык» деп, анын жанындагы кош жылдызды, аны темир казыкка уланткан катар үч жылдызды «Аркандаган ат» деп аташкан. Тараза жылдыз менен үч аркасындагы жылдыздарды «Мерген мылтыгы менен ити» деп аташат. Булардын аты дагы кыргыздын мал чарбачылык, уучулук кесиби менен байланыштуу. Үркөр кулжа айынын биринчи күнү батып, кырк күндөн кийин терс айынын 10-күнү кайта көрүнгөндө, тамыз жерге түшүп, жер астындагы муздаган булактар эрип чыга баштаганда малды жайлоого көчүрүшөт. Бул жөнүндө эл оозунда мындай ыр бар:

Үркөр, үркөр, үч жылдыз, Үркүп кайда барасың?

Жөө желимге барамын, Жөө желимде эмнең бар? Аштык айдар уулум бар, Жибек созор кызым бар. Аштыгынан айдашам, Жибегинен созушам.

Үркөрдүн оозунан айтылган бул ыр да элди турмушка камдоого, даярдоого үндөлөт. «Беш тогоол өтпөй бел чечпейт», «Үркөр үйдөн көрүнсө, үч ай – 90 кышың бар» деген эл макалы да кыргыз элинин узун жылдык табигатты таануудагы тажрыйбасы. Экинчи айдын 10нун айланасында өткөзүлө турган Нооруз майрамы кыргыздардын жаңы жылы.

Араб арибинен көчүргөн Абдылда Карасартов

ҮМӨТ МОЛДО

КЫЗЫЛ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХ БАЯНЫ

Бысмылла деп аяндап, Билгенимди баяндап. Жалпы тарых нускасын, Таап алдым даярдап.

Жакшы сөзүм кандай деп, Айтып өзүм биликсем, Аны колго тийгизсем. Таптым анык нускасын, Санжырага киргизсем.

Биздин кыргыз башында,

Окуган жок жашында.

Өз атасын көргөн жок,

Карап турса кашында.

Караңгыга камалды,

Ойлобой бул заманды.

Кеп баштадым тарыхтан,

Келгенимче чамамдын,

Сөз эшиттим карыдан.

Нуска таптым барыдан,

Жалпы кыргыз атасын,

Таап жаздым жаңыдан.

Калем кармап жүргүзөм,

Калкка дайын билгизем.

Өзүбекке жолотпой,

Өз колуңа тийгизем.

Казал жазам калкыма,

Калабы деп артыма.

Жазып белек таштаймын,

Ургаачы, эркек жалпыңа.

Окуган адам байкасын,

Байкаган табаар атасын.

Билимдүүлөр оңдоп кой,

Тапкан болсоң катасын.

Жер жүзүнө толуптур,

Адамзаттын баласы,

Санжыранын мааниси,

Кийинкиге кабарчы.

Мурунку өткөн канча хан,

Не иш кылды, не кылган.

Турмушунун баарысы,

Санжырадан табылган,

Ар урууда бир ат бар,

Ар миллет өзүн кубантар

Уруунун жөнүн билбеген,

Санжырадан сурактаар.

Ар уруу элдин турмушун,

Жана, улуу-кичүү курбусун,

Билем десе ар элде,

Санжыра алып үйрөнсүн, Санжыраны билгенден, Ата жөнүн сурасын. Билбей жүргөн өз тегин, Билип алып кубансын. Биздин кыргыз оң мен сол, Азгындайын сообу мол. Ошону айтып билмектик, Мурункудан калган жол.

Калем алып молдолор,

Ак кагазга кат койгон, Долон бийдин катыны,

Эгиз тууса бир күндө,

Оң, сол деп ага ат койгон.

Төрөөрүндө апасы,

Канча сыздап агзасы.

Ошол туулган кош бала.

Теги кыргыз атасы,

Агоолду төрөрдө,

Оң бөйрөгүм бошоду,

Ошол айткан сөзүнөн,

Оң лакабын кошоду,

Гоол уулду төрөрдө,

Сол бөйрөгүм бошоду,

Ошол айткан сөзүнөн.

Сол лакабын кошоду,

Агоол менен Гоол

(Ак уул менен Куу уул) Энеден эгиз туулду.

Анын айткан сөзүнөн,

Оң, сол атка бурулду,

Кел, кел кыргыз оң, сол деп,

Ар миллетке угулду.

Түпкүлүктүү рух затыбызды, туңгуч түбүнөн баштап ата тегибизди ажыратмак үчүн тарых санжыра жазууга калем жүргүздүм. Эми биздин кыргыз уругу Муххамбеталейсаламдан мурун үч миң жыл илгери өзүнчө калк болгон. Кырымдан Сибирге чейинки жерди жердеген кыргыз, казактан андан бери 300 гө жакын ата өтүп, балдары окумушу жок болуп, тарых санжыра жаза албай түбүн унутуп караңгылыкта калган.

Энди, бизге тарых көрсөтүмүш болгон айрым акмак адамдар, тоолук элди алдоо менен жан баккан ала топу соодагерлер караңгы кыргыз, казакты акылга туура келбеген жалган сөз менен ишендирген. Анда Шайык Мансурду өрттөп күл кылып, күлүн көккө сапырып жибергенде ал дарыяга түшүп, көбүк болгон.

Көбүк Аналгак деп жүрө берген дагы, кырк кызга дуушар болгон. Аналгак деп турган көбүктү кыздар көрүп, көбүктү колдоруна алып, жалаган. Мансур шайыктын шарапаты менен көбүк жалаган кыздардын боюнда болуп калган дагы, кырк уул төрөгөн. Кырк кыздан кырк уул – кыргыз туулду деген жалган сөз таратышкан. Мунун жалгандыгын далилдеш үчүн көп издендим, көп окудум. Мурда жазылган тарыхтарды барактадым. Калганын эл арасынан издедим. Ошондон бери тарых санжыраны айрып, кагаз жүзүнө тиздим.

МУКАДИМА (КИРИШ СӨЗ)

ФАН ТАРЫХ (ТАРЫХ ИЛИМИ)

Өткөн замандардагы болгон адамдардын ахвалынан, кандай тиричилик кылгандарын текшерип жана адамдардын бу күндөгү маданияты, эмне менен кандайча кесип кылгандарын көрсөтө турган Фандур (илимдир).

Фан тарых бир нече кесимге бөлүнөт.

Адамдар чогулушуп, жашай баштагандан бери ар коом, ар миллет (улут) болушуп көпчүлүктүн абалын текшерген «тарых-умуми» делер (жалпы тарых).

Эгер тарых бир гана өкмөттү же бир гана элди текшерсе «тарых хусуси» (жеке өзүмдүк) деп аталат. Орусия тарыхына окшош.

Пайгамбарлардын ахвалынан, алардын кандайча иш кылгандыгын текшерсе «тарых мукадас» дейт.

Китеп «мукадастын» көргөзгөнүнө ылайык алла таала Адамды кудурети менен жаратып, азирет Ава энени Адамдын сол кабыргасынан жаратканын көрсөтөт. Жер жүзүндөгү адам баласынын баарысы Адам алейки салам менен Аванын зарятидур.

Адам жаралгандан Нух пайгамбардын заманы, топон сууга чейин адамдардын ахвалы кандай болгонун жалгыз гана китеп «мукадастан» башка дайындап айткан тарых жок.

Топон суудан кийин жер жүзүндө Нух алейки саламдын Хам, Сам, Яфыс ысымындагы үч уулу калды. Мындан башка эр калбады. Бүгүнкү жер жүзүндүгү адамдар ошол үч кишинин тукуму дешет.

Фан (илимий) тарых көбүнчө Европа, Кавказ аймактарын терең изилдей алган. Анткени илим, билим өнүгүп, жазуу болгон. Тарыхтын чашмасын түзгөн асарлар (чыгармалар, маалыматтар) көп топтолгон. Ал жерлерде эски замандан бери жамагат өкмөт алдында өмүр этип, маданий жактан алга кеткен. Ошол себептүү фан тарых үчүн пайдалуу асарлар калтырышкан. Башка калктардын көпчүлүгү вахит (жапайы, билимсиз) алында жашаган себептүү алардан асар калган эмес.

Тарыхтын ихтияр кылып алган асарлары үчкө бөлүнөт. Асар мин куле, асар масбуте, асар атика.

АСАР МИН КУЛЕ

Ооздон оозго, кулакка угулуп келген икаяларды жана кабарларды тарыхта асар мин куле дейт.

АСАР МАСБУТЕ

Китеп, гезит, расмий макалага окшош ар заманда болгон тарыхый сөздөр бир киши тарабынан жазылып, заманыбызга каптырылып, сакталган асарлар Масбуттадур.

АСАР АТИКА

Эскиден калган бийналар (үй, имарат) айкел (скульптура) жана акчага окшош нерселер асар атикалардур.

ТАРЫХКА ЖАРДАМЧЫ ФАНЛАР (ИЛИМДЕР)

Фан тарых үчүн бир нече жардамчы фанлар бар. Булардын арасында эң керектүүсү жеграфия (география) болсо өткөн тарыхтарда адамдардын бөлүнгөнү, жердин табигат кылымдарынан кабар берет. Ар коом, миллеттин (улуттун) филларын, тиричиликтерин кайсы ишке мүшкүл болгонун, жеринин таасиринен кабар берет. Замандын окуяларын билдирет жана мөлчөрүн баян кылат.

МИДДАЙ ТАРЫХ

Миддай тарых этибар кылынып, жалпы бир ишти баштасам баланча жылдын абалы же акыры деп дайындап кылат. Ар улуттун бир миддай тарыхы бар. Мисалы, орустарда Иса пайгамбардын туулушу, мусулмандарда Муххамбет алейсаламдын Мекеден Мединага көчкөнү, жөгөттөр, Адам алейсаламдан тартып ушул убакытка чейин ром калкы (Романия) Рим шаарынын тургузулганына эсеп кылышат. Бул шаар азирети Исанын туулганынан жети жүз элүү үч жыл мурда болгон. Романия (рим) шаарынын курулганына 1929 жылда эки миң алты жүз сексен жыл болду. Адам алейсаламдын дүйнөгө пайда болгонунан бери

1929-жылы беш миң алты жүз токсон жыл болду.

Фан асари атика – орусча Археологияга тийиштүү.

Мунун мааниси өткөн заманда болгон коомдун өнүгүш илимин, маруфатын (агартуу, окуу) жана сүрөт, тиричиликтердин-маданий жагын билдирет.

Фан алсина – орусча филология илими.

Мунун мааниси адамдардын тил жагынан кайсы топ, кайсы форма болгонун билдирет. Мисалы, кыфкас жынынсынан (тобунан) болуп тарыхка кирген адамдардын Марила, Келдинар, ибраилер, жоадилер, арабдар, финкалилер тилдеринин окшонунан назарга Сам насилден деп чек кылган жана идлар, иранилер, енналер, романлер, түрклер, татарлар, жалпы Европалыктар Яфыс насилден деп саналышкандар.

Фан тайрыф аламими – орусча этнография.

Мунун мааниси адамдардын адат ахлак жана сөөктөрү бири-бирине окшоштугунун жаатынан билдирет.

Фан мискуку – орусча нумизматика.

Мунун мааниси өткөн заманда болгон адамдардын акчалары аркылуу кайсы жылдар кайсы өкүмдарлар, ким болгонун анын бардык даражасын билдирет.

Эми башта белгиленгендей ошол Нух алейсаламдын үч баласы Хам, Сам, Яфас бул үч уулдун тукуму Арабстанда туулуп дүйнө жүзүнө тарап кеткен.

Биринчи Хамдын балдары Африка материгинде жашашат. Вакиш жапайы калктар. Негир деген ошолор болот.

Экинчи Самдын балдары Европада, Азияда турган калктар. Мисирликтер, орустар, келданилер, фарсылар, арабдар, жөөтөр, ибанилер, сириялыктар, армендар, аустрия калкы болот.

Үчүнчү Яфас балдары Азия менен Европада турушат. Яфас балдары экиге бөлүнүшөт. Арийлер, Торанилер, Яфастын сегиз баласы болгон. Зульфур деген баласынан орустар, англичандар, болгарлар, афгандар, ирандыктар, француздар, немистер, арилер жана башка Европалык түстөгү адамдар таралат.

Азиядагы ак түстүү адамдар кытайлар, япондор, корейлер, финдер, осмон түрктөр, татарлар, кыргыздар, казактар, дунгандар, монголдор, калмактар, Торанийлер бөлүгүнө киришет.

Яфастын сегиз уулунун эң улуусу түрк болуп, атасы өзүнүн бийлигин ушул баласына ыйгарып берген. Түрк ата бардык элге бирдей караган адилеттүү акыл парасаты терең падыша болгон экен. Түрк ата көп жерди кыдырып, падышачылыгы Кырымдан Сибирге чейин созулуп жатса да Ысык-Көлдү көрүп абдан жактырып калган экен. Ошондуктан азыркы Кыргыз жери Түркстандын бир бөлүгү болуп калган. Түрк атанын тогуз уулунун ичинен Тоотек өз атасынын мураскору катары падышачылыгын улантуучу болуп калды. Тоотектин тушунда калк көп нерседен кабардар болду, өстү, өнүктү. Өзү да акылдуу, дөөлөттүү адам эле. Эки жүз жыл жашап, дүйнөдөн сапар тартты. Андан кийин Алчыхан падыша болду. Ал да адилдиги, элге карамдуулугу менен журт атасы болуп калды. Андан соң падыша болуп, Бакыхан деген адам турду. Андан кийин Кийик хан бийликке келди. Андан кийин анын уулу Анчахан да отуз жылдан ашык эл журтту тоздурбай адилдик менен бийлик жүргүздү. Түрк падышачылыгында андан ары Тажысарт турду.

Эми биздин укканыбызга карата Нух алейсаламдан бери карай Анчаханга чейин Яфас балдары мусулман болуп келген. Бардык иш шарыяттын жолу менен жүргүзүлүп келген. Кийин Тажысарттын бийлигинин тушунда калк бузулуп, дөөлөткө, байлыкка семирип, башка диндерге, бутпараска айланып капырлык жолго кетишти.

Эми Анчахандан эгиз уул туулду. Алардын аттары Монгул, Татар болду. Булар экөө эки элге падышачылык кылып турушту. Татар сегизинчи баласына чейин падышалык кылды. Мына азыркы ногойлор татар уругунан болушат.

Алардын аттары мындай, Букахан, Еланчахан, Татыхан, Аттыкыз хан, Урдухан, Байысхан, Зыядахан, Үмүткан. Татардын хандыгы тамам болду. Энди Монгул падыша болуп туруп, кудай жок деп чыкты, эл арасы бөлүндү. Ал да көп жыл жашап дүйнө салды, ордуна Карахан келди. Бул падышанын тушунда кудаа тааныган адам аз болду. Карахан киши колдуу болуп дүйнөдөн өттү.

Андан соң анын ордуна Огуз хан келди. Огуз хан заманы бардык ишти шарият менен жүргүзүп, кудайды таанып билбеген адам калбады.

Бул киши 106 жыл падышачылык кылып Азияны толук колуна алды. Кытай, Япония, Орусия, Индостан, Ром, Крым, Ауган, Иран, Бухар, Хива баштап бардыгын бир ноктого жыйды. Огуз хандан 26 бала болду. Биздин кыргыз, казак, жыйырма алтынын биринен болот.

Яфастын сегиз баласынын эң улуусу Түрккө атасы падышачылыгын берди. Атасы Яфас дүйнөдөн көчкөн соң, Түрк падыша дүйнө жүзүнө саякаттап жүрүп, Ысык-Көлдү көрүп, жердин жакшысы адам турууга ылайык экен деп жактырып көчүп келген эди. Ошол тууралу жерибиз Түркстан. Өзүбүзгө түпкү ата болгон, бүтүн дүйнөгө падыша болгон Түрктөн үч бала болгон.

Биринчи баласы Түтөк, экинчи баласы Костан, үчүнчү баласы Баркан. Энди Костандын баласына Стамбылды берди, Стамбыл мурда Константинопол деп атак болгон. Түрк ата өзү адилет, билимдүү, акылдуу, адептүү адам эди. Үч жүз жашка чыгып улуу уулу Түтөктү ордуна падыша кылып дүйнөдөн көчтү.

Анын шарапаттуу мазары Ысык-Көлдүн жанында калган экен. Түрк атанын наамалы (мураскору) болгон анын уулу Түтөк акылдуу паразаттуу билимдүү падыша болгон. Түрк балдарына көп нерселерди үйрөтүп, эки жүз жашка чыгып дүйнөдөн көчкөн. Анын уулу Айчахан, анын уулу Бакыхан, анын уулу Анчахан, бул Анчахандын заманынан Нух алейсаламдын заманына чейин тарыхка кылчайып карасак иштин бардыгы шарыят менен жүрүп келген эди. Эми калктын көбү бузулуп, капырлыкка айлана баштады.

Анчахандын эгиз уулу болду. Монгул, Татар деген. Аларга элди эки бөлүп берип, экөөнү бирдей хан кылды. Татар өзүнөн баштап, жетинчи уулуна чейин хандык өтөдү. Татар хан, Алчахан, Аттуу хан, Атсыз хан, Ордохан, Бойдо хан, Ногой туугандарыбыз Татар хан тукумунан болот. (425) Экинчи Монгул хан кудайды жок деп чыкты. Монгулдан үч бала болду. Карахан, Могдон, Ойгор деген. Карахан падыша болуп, акмактыгынан адам колунан өлдү. Карахандын тушунда, заманында кудааны бирлеп тааныган адам аз калган эле. Эл журт карайлап турган маалда Огуз хан ичтен Олуя туулуп, Бухархандын уулу Огузхан иштин баарын шарыят менен жүргүзүп, баш ийбегендерди шарыят менен жазасына тартты. Ошентип Огузхандын тушунда кудайды тааныбаган адам аз калды, кайырдиндери чөлгө, музга кетти.

Кытайлар, Жапондор, Манжурлар, Индостан, Афганистан, Орусия, Хива, Бухара сыяктуу жүздөгөн элдин миллетдин бардыгын бир ноктого кийрип башкарып турду. Огуз хандан жыйырма алты бала болду. Ошол жыйырма алтынын экинчиси, улуу катындан төрөлгөн Огуз хандын уулу Тагыхан бийликке келди.

Мына ошол Тагыхандан кийин анын уулу Кыргызхан падышалык кылды. Кыргыз хандын тукуму Огуз хандан кийин тогуз атага чейин бийликте турганынын урматына чоң той берди. Калкты жыйып таң тамаша кылып, бир мөөрөйгө тогуздап мал чыгарып берип, биздин түрк балдарында тогуздап мал бермек салты мына ошондон рахим болду.

Ошентип Огузхандан Тагыхан андан, анын Кыргыз деген уулу бийликке келип хан болду дедик. Кыргыз деген эл болду. Кыргыз хандан эки бала болду Түркмөн, Сапарша деген. Энди Сапар уругу баяндалат. Сапаршадан Алчак, Алаша деген эки бала болду. Алаша анасынын карынынан Олуя туулуп, чоң шарапаттуу адам болгон экен. Кыргыз, казак, Алаш десе токтолбой күүлөнүп кеткенибиз, ынтымагыбыз мына ошол ата салты болот. Алаштан Жүз деген бала туулат. Жүздүн үч баласы болот, Алчак, Рашидалак, Аналгак. Бул үч бала ата наамы менен аталык түзүп, үчкө бөлүнгөн. Алчак – улуу жүз, атак алды. Рашидалак – орто жүз атак алды. Аналгак – кичи жүз атак алды.

Үч жүз өзү үч даражада болгон. Биринчи улуу жүз хандыгы менен, экинчи орто жүз байлыгы, мартабасы менен, үчүнчү кичүү жүз өлүмдөн кайтпаган баатырлыгы менен. Энди Алаша өлөөр алдында үч жүзгө бөлүнгөн балдарын астына чакырып алып, насыят кебин айтып, улуу жүзгө хандык атак берген. Орто жүзгө байлык, марттык атак берген, кичи жүзгө баатырдык атак берген.

Сапаршаанын биринчиси баласы Алчактын үч уулу болду. Эки баласынын уругу жалайык деп аталып, алар да кийин улуу жүз атак алып казак ичинде турат, сиңип кетти. Ал эми Алчакхандын улуу баласы Барганбек, анын уулу Каранбек, анын уулу Каманбек анын уулу Арстанбек, анын уулдары Кылымбек, Рустамбек, Рустамбектен отуз бала болгон. Бул отуз баладан тарагандар ичкилик деп атак алышып Хива, Букара, Самархан, Андижян, Камкол, Кашкар, Саргол, Обол, Тооашар жакта чачкын болуп турат. Ошол чачкын калктардан Катаган, Карчый, Курама, Каратегин, Кандугузыл, Ачаккыдырча, Тынымсейит, Каракалпак, Сарыкалпак болуп тараган элдер бар.

Эми Арстанбектин Кылымбек деген улуу уулу жөнүндө. Ал киши өзү баатыр болгон. Кыргыз уругунун башын коштуруп, акыркы хан болгон. Он бешинчи баласына чейин хандык даража тукумунан кеткен эмес. Кылымхандан Төлөхан анын уулу Төрөхан, анын уулу Барахан атак алган, анын уулу Бөйөнхан, анын уулу Чаянхан, анын уулу Карахан. Карахандан эки бала болгон, Ногойхан, Нойгутхан. Карахан дүйнөдөн көчөрүндө элди-жерди эки баласына бөлүп берип, эки бөлөк элге эки баласын хан кылган. Нойгутхандан эки бала болду, Акбалта, Шыгай деген. Акбалтанын баласы Чубак. Шыгайдын уулу Чынкожонун тукуму Нойгут деген калк болот. Энди Ногойхандан үч бала болгон. Жакып, Көкчөгөз, Бай деген.

Жакыптын уулу Манас, Көкчөкөздүн уулу Көзкаман, Байдын уулу Хан Бакай. Көкчөкөздүн уулу Манастан хандык талашып, кыянат ишти көп кылган. Акыры Манастын каарына чыдабай калмактар ичине кирип кеткен. Бакайдын ашычысы (тукуму) баяндалат. Бакайхандын уулу Байтайлак, анын уулу Сулайман, анын уулу Шафурбай, анын уулу Мамытбий, анын уулу Рыстамбий, анын уулу Сарыбий, анын уулу Телкозу, анын уулу Калпакбий, анын уулу Домболбий. Домболдон эки бала болгон Рысдархан, Долон деген. Рысдархан кыргыз менен казакка бирдей хан болуп турган. Бул кимдин заманы Рысдархан заманы деген кеп ошондон калган.

Эми хан Жакып насили баяндалат. Хан Жакыптан Манас болду. Манас баатыр хандыкты жакшы кармады. Кыргыздын түбүн түптөп эл кылып, журт кылып, жомуриятын түздү. Таласты жердеп турду. Эмнеге Таласты жердегени көп окуя. Манастын уулу Семетей, Семетейден Сейтек, Сейтектен Кенен, Кунан деген балдар болгон…

… Чубактын уулу Хантурсун, анын уулу Деңизбек, анын уулу Чебек хан, анын уулу Көкөмхан, анын уулу Алдашхан, анын уулу Бекчойбек, анын уулу Үспүрбек, анын уулу Жаныбек, анын уулу Куттукбек, Куттукбектен үч бала болгон, Чагатай, Сабатай, Муратай деген. Ошол заманда Рысдархан хан болуп, Чагатай хан лакап болуп, душманга чагылгандай болуп, кыргыз кылымга толуп турган убактында, эркин тоону жердеп, эркин жатып малы төлдөп, чай ордуна кымыз ичип, Ала-Тоо, Улуу тоону жайлап бээсин байлап, аягын айдың жайга учтатып, Алатоого колун арта салып, сүйүнүчтүү болуп жыргап турган убактысында, бүтүн Эркин тоого кол созгон душманга бербеймин деп турган заманда, балакет кайра башталып, балапан карга конуп, күн чыгыш тараптан даңкы таш жарган айтылуу Чынгызхандын аскери кошуну менен келип, Субадай баатыр деген вазиринен Рысдарханга тогуздап мал, шумкар тартуу жиберип — «Рысдархан бул шумкарлар Сизге жиберген тартуу белегим, урушпай карап бериңиз. Жер өзүңөргө, эл өзүңөргө тийиштүү болот», – деп саламын жиберген. – «Макул болсоң, Рысдархан, Чынгызхан жыргал турмуш курабыз» – деп айттырган. Рысдархан айласыз, буга макул болуп урушпай карап берген. Чынгызхандын колуна бүткүл Түркстан тийген соң, кайсы жерде болгон чоң урушунда кыргыз аскерин астына салып, кыргыз аскери кыргын таап, казаттан өлүп, катын балдары жетим жесир болуп кала берген. Чынгызхан күн чыгыш, күн батыш мамлекеттеринин баарын алгандан кийин эсеп кылынса кыргыздын көбүнүн чөйчөгү бошоп калган.

Бара-бара Чынгызхан кыргыздын ошол кездеги душманы болгон Кытай менен мамиле түзүп, кошулуп, кыргыз хандарына кыр көрсөтө баштады.

Кыргыз аскеринин бирин да койбостон Субадай, Чагатайды кошо алып Алажайбанга кирип кеткенден кийин Долонбий менен Муратаалы экөө кеңеш кылышып, Чынгызхандын мунусу жакшы эмес дешип өз уулдарын, эки баласы Агоол, Кубоолду ала качып тоо таянып кеткен еди.

Баягы Чынгызхан алып кеткен кыргыз аскеринен дайын болгон жок. Алардын тукуму барбы жокпу ким билет. Дунган ошол кыргыздардын тукуму болсо керек деп ойлоймун. Аныгына көзүм жетпейт. Бирок дунган сыягы, кыргызга окшобойт. Байкап карап көрсөк Долон бий менен Муратайдан кыргыздын кийинки уруулары уланат.

Эми Долон жөнүндө сөз улансын, кеп козголсун.

Ошентип эли журтуна баш болуп, дапмун – деп, шыр Түркстандын бетине салган чепмин – деп кыргыздын ар уругун колдон кетирбей тырышып, бек кармап турган Долон менен Мураталы болот. Мураталы дагы качып тозуп кеткен улуу балдары менен калган каткан калкты жыйып алып, Каракужур, Кочкор, Нарын ортосун жердеп туруп калган.

Энди сөз Муратайдан болот. Муратай дагы качып Коконго барганда хан баласы экени калкка дайын экен.

Хива жерине барып катын алып туруп калат. Бул ортодо жибек, килеми менен атак алган Жалал Султанга вазир болуп, бара бара ага жагымдуу болуп ордуна хан болуп Жалал Султанды Хива тараптан Үзгөнгө көчүрүп, султандык тактысын куруп, бүткүл Түркстанды колуна алып Чынгызхандан бөлүнүп турган эле.

Кыпчак уругунан болгон Эрдан хан дагы Султан Жалалдын амиринде болуп турган эле. Энди Долон тентиген, тербиген калган каткан кыргыздарды жыйнап алып журт кылды.

Долон бийден башта айткандай Агоол, Гуул деген эки бала болгонун айтканбыз. Мунун да тарыхы бар. Долон бий улгайып калган кезге чейин бала көргөн жок. Бир күндөрү байбичесинин боюна бүтүп, тогуз ай өтүп төрөрүнө жакын калды. Долонго сүйүнчү барды. Жетип келип караса байбичеси эркек уул төрөптүр. Кубанып турганда, байбичеси оң жагымдан төрөлдү, ичимде дагы бирөө бар деп айттырды. Ошентип экинчи бала төрөлдү. Чоң той болду. Ат коёлу деп калышты. Долон бийдин түшүнө Бакайхандын, Манасхандын, Чубакхандын руху кирди, уулдарыңдын аты Агоол, Гууол болсун деп айтып кетишти. Түпкү аталарыбыздын арбактарынын батасы менен эки балага Агоол, Гууол деп ат берилди. Кийин эненин оң жагында, сол жагында деген сөзүнөн улам Агоолдун балдары оң уруу, Гууолдун балдары сол уруу болуп бөлүнүп калды.

Эми ушул эле кептин башка божомолу да бар. Долондун балдарынын оң ата, сол ата болуп калгандарынын дагы бир себеби кийин үйлүү жайлуу, элдүү журттуу болгондо бири Каракужурга көчөбүз десе экинчиси Соңкөл тарапка көчөбүз деп талаш болгон себептүү калыска барышса, ал мал жаныңар көп экен ансыз да биригип олтура албайсыңар деп оң, сол болуп аталып калган еди.

Энди Долон бий өлгөндө Нарын менен Кочкордун ортосундагы эң бийик жер деп белге, Караүңкүр деген жерге коюлгандан улам ал Долон ашуусу деп аталып калды.

Эми тээ башта айтылган Моңгул, Татар тууралуу кепти уласак, Мангулдан үч бала болгон. Карахан, Могдон, Ойгор деген. Энди Карахандан Огуз хан тукумун айтып өттүк. Энди сөз Мангулдун экинчи уулу Могдондон. Андан эки бала болду Ойрот, Тыргот деген. Кара калмак, ошондон тараган. Мангулдун үчүнчү баласы Ойгордон эки бала болгон, Керия, Жалгамыш. Алар Түркстандан туулуп көбөйүп бүткүл Эркин тоо элетинде ырыстуу жердин жегесин ээлеп, кыргыз, казакка жер бербеймин деп чатак чыгарган. Керия, Жапония тарабынан үчүнчү жээкте хан болуп туруп калган. Энди Жалгамыш уругу булардан жар көчкөндөй көөнү калып жүргөндө Кашкар тарабына, Акжарга, Алтын шаарга тарап туруп калган экен.

Мындан ары оң менен сол уруунун таралышын жазалы. Оң – Агоолдон – Адигине, Мункуш, Тагай деген балдар жана Наалы деген кыз болду. Адигине менен Мункуштун ар биринен 18ден баласы болот. Адигине эли көп. Фергана өрөөнүндө турат. Кадимки Курманжан датка, Алымбек хан калайыкка маалым, атактуу адамдар.

Тагайдан, Богорстон, Койлон, Кылжыр жана Карачоро төрт уул болот. Койлондон Жедигерлер болот. Богорстондон Солто, Карачородон Багыш. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөс эки уул болгон. Орозбактыдан бугулар, Дөөлөстөн,

Каротоко, Жантай, Таздар, Элчибек, Манап. Эми сол –

Гуоолдон Каратал, Каранай. Ал эми Караталдан Кытай, Кутай, ал эми Каранайдан беш бала Кушчу, Саруу, Мундуз, Накай, Базыс, Чоң Багыш. Дагы бир бөлүнүшү Гуоолдон Чоң Багыш, Кара Таз, Кара Таздан Кытай, Мундуз, Жетиген Төбөй, Кушчу, Саруу».

ТҮШҮНДҮРМӨ

ҮМӨТ МОЛДОНУН САНЖЫРАСЫ

Ошентип, Үмөт молдонун санжырасынын биринчи бөлүгүн ушул жерден токтотууну туура деп ойлодум. Анын 1000 бетке жакын санжырасынын биринчи гана бөлүгүнөн үзүндү бергенибиздин да себеби бар. Анткени, жогоруда Кыргызды Акуул, Кубуулга чейин алып келген санжыранын негизинде, башка санжырачыларда жолукпаган бир катар жаңылыктар учурайт. Мен буга чейин басмадан жарык көргөн «Кыргыздар» төрт томдугунан тартып, бардык белгилүү санжырачылардын жазып калтырган эмгектерин карап чыгып, анан ушундай жыйынтыкка келдим. Үмөт молдонун кыргызды, түздөн-түз түпкү аталарыбыз Манас, Бакай, Чубак хандардан таратышынын өзү эле санжыра дүйнөсүндөгү жаңылык катары баалоого болот.

Мындан тышкары Мангулдан тараган уруулардан Корейлердин, Япондордун чыгышына байланыштырган ой болжоолордун өзү да кызыгууну туудурат. Албетте, санжыра тарыхый чындыкка багыт алган алгачкы кадам гана. Өз учурунда жазылып калбагандан кийин бир адамдын ысымына бир элдин жүздөгөн жылдык тарыхын байлап койгон учурлар, моюнга алышыбыз керек, санжыраларда көп учурайт. Үмөт молдо да кыргызды «Мухаммет алейсаламдан мурун үч миң жылдык тарыхы бар эл болгон» – деп жазыптыр, демек ошол өткөн үч миң жылдык мезгилдин чексиздей сезилген учу-кыйырсыз асманында кыргыз калкы кандай жашады, өзүн эл катары кантип сактап калды, ал жөнүндө эч кимге белгисиз бойдон калып жатпайбы. Ошентсе да өз элинин, журтунун андан берки түбүн изилдөөгө умтулуп, өз өмүрүн, кыргыз тарыхын, санжырасын чогултууга, түзүүгө арнаган билимдүү мээнеткеч адамдар улуттун намысы, улуттун рухунун жүзү деп айтууга толук негиз бар. Бул жагынан алып караганда Осмонаалы Сыдыков, Алымбек уулу Тургунбай, Бала Айылчы, Белек Солтоноев, Үмөт молдо сыяктуу санжырачылар XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында кыргыздын тарыхын өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша элге жеткирүүгө чоң эмгек кылышкандыгын баса белгилеп кетишибиз керек. Албетте, буларды топтоп, бир системага келтирип ийгерип чыгууда, «Кыргыздар» деген наамдагы төрт томдук китеп бүгүн ар бир кыргыз атуулунун ыйык буюмуна айланып калгандыгы жалпыбызды кубандырат.

Санжыра, башта белгилегендей, тарых сересине ташталган жолдун алгачкы чыйыры. Андагы жазылган ар түрдүү варианттардагы адамдардын аттарынын өзгөрүп кетишин же бир эле окуянын эки башка берилишин, уруулардын аттарынын ар түрдүү болуп калышын туура кабылдашыбыз керек. Анткени санжырачылар укканын жазышкан. Эл арасында тарап кеткен кеп сөздү колдорунан келишинче өз жан дүйнөсүнө сиңирип алышып, кайра элге тартуулашкан. Ошондон улам Үмөт молдо да өзүнүн санжырасынын башында элге ыр саптары менен кайрылып:

… Окуган адам байкасын, Байкаган табаар атасын.

Билимдүүлөр оңдоп кой,

Тапкан болсоң катасын –

деп жазганы да бекеринен эмес.

Мына кыргыз эли эгемендүүлүк алып, өзүнчө мамлекет болгонго чейин санжыра түгүл, элибиздин башынан өткөн кийинки эле 1916-жылдагы көтөрүлүшү боюнча материалдарга жетүүгө мүмкүнчүлүк болбой келди. Санжырага катуу тыюу салынып Б.Аттокуров, С.Абрамзонго окшогон окумуштуулар куугунтукка алынды. Ал эми бүгүн тарыхыбызды изилдеп, үйрөнүүгө көп мүмкүнч үлүктөр ачылды. Билим, илимдүү жигитибиздин катары көбөйүп баратат. Ошондуктан миңдеген жылдар бою өзүбүз менен жамаатташ жашаган Кытай, Япон, Корей, Монгол тарыхтарынан кыргыздын изин кубалап, санжыранын толук болбосо да бир катар бөлүгүнө илимий негиз берүүгө, айтылган эл оозундагы кеп-сөздү тарыхый чындыкка такап алып келүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Эми Үмөт молдонун санжырасындагы дагы бир өзгөчөлүк, уккан сөзүн кимден, качан жазып алгандыгын, ал кишинин толук аты жөнүнө чейин жазып койгондугунда. Бизде көбүнчө кыргыздын оң урууларынын санжырасы жазылып, сол урууларынын санжырасы эл оозунан чогултулбай калгандыгын жакшы билебиз. Үмөт молдонун эмгектери оң менен катар солдун санжырасын да терең изилдөөгө алып, толугу менен берүүгө аракет жасалгандыгы менен да баалуу.

Бул боюнча Бектур Исаковдун 2001-жылдын башында Талас шаарынан жарыкка чыккан «Арал санжырасы» аттуу китебинин 18-бетинде мындай деп айтылат.

«Үмөт молдо – айтып берүүчүнү өтө урматтаган, ошол себептен анын аты жөнүн так жазып, айтканын бурбайтербей, кандай айтылса, ошондой берген. Натыйжада көп варианттуулук пайда болгон. Көп варианттуулукту жалаң оозеки баяндоодогу боло келген көп түрдүүлүк катары түшүнүү керек. Дүйнөнү таанып билүүнүн өзүндө көп түрдүүлүк жатат. Демек табигый. Эл оозунда атадан балага уланып келаткан ар кандай кепти так кесер бир түргө алып келип такоого караганда, көп түрдүүлүктө изилдөөгө, салыштырууга ал түгүл ага тарыхый негиз берүүгө мүмкүнчүлүк да даанараак болот. Ошол себептен мезгил да азыркы учурда көп түрдүүлүктү алдыңкы планга алып чыгууда. Үмөт сыпаа, булактай таза, ичи акактай аппак жан болгондуктан, айтуучунун маалыматтарын өзгөрт пөгөн.

Таза кол менен кармап, таза пейил менен мамиле кылган. Куржун толо кагаздагы маалыматтарды аспиеттеп сактаган…»

Тилекке каршы, азыркы кездеги жаңы муундун «билимдүү» санжырачыларынын айрымдарынын газета, журнал беттерине жайнатып жазган көчүрмө эмгектеринде мына ушул өткөн адамдардын атын сыйлап, кимден, качан уккандыгы же кимдин эмгегинен алынгандыгы айтылбай эле бардык окуяга өзү катышып, өзү изилдеп, элден чогултуп алгандай мамиле жасалып, бирөөнүн эмгегин өзүнүкүндөй пайдаланган учурлар көп кездешип жатат.

Ошондуктан азыркы санжырачыларга айта кетүүчү кеңешибиз кимден уксаң ошонун атын атап, анын эмгегин да эл алдында белгилеп, элдикин өзүнүн наамына энчилеп албай, ичи тардык кылып катып койбой, журт ичине маалыматтаса, өткөн аталарыбыздын арбагы деле ыраазы болот деген ишенимдебиз.

Кыскасы, билимдүү тарых изилдөөчүлөр мындан ары да, башка санжыралар менен катар Үмөт молдонун эмгектерине кайрылып, анын кол жазмаларына өзүлөрүнүн адилеттүү баасын беришет деп ойлойбуз.

Эрмек Үмөтов

                                                                                  ТАЛЫП МОЛДО

КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ, УРУУЧУЛУК КУРУЛУШУ.   ТҮРЛҮҮ САЛТТАР, КЫРГЫЗ ДЕГЕН СӨЗДҮН ӨЗҮ ТУУРАЛУУ.

Жаш теринин бучкагын чоймологондой кийинки кездерде кээ бирөөлөр кыргыз деген сөздүн өзүн өйдө, ылдый чоймолой берүүчү болду. Андайлардын бирөө – кыркезит, кырды кыркалай көчүп жүргөн эл болгондуктан «кыркез» эли делген болсо керек, «кыркез» деген сөз аягында кыргыз деген сөзгө айланып кеткен болууга тийиш деп ой жоруп жүрөт. Кыргыз деген сөздү дагы бирөөлөр, кыргыз илгертен кырда кийиз үй тигип көчүп жүргөн эл болгон, ошондуктан «кыр-кийиз» деген сөз бара-бара кыскартылып кыргыз болуп өзгөртүлүп кеткен болсо керек деген болжолду кылышат.

«Кыргыз» деген сөз тууралуу кожо, молдолор да өздөрүнчө ой жоруган. Кыргыз деген «кырк кыз» деген сөздөн келип чыккан дешет. Алардын айтымына караганда илгери бир падыша болот. Анын жалгыз кызы болуп, кызына ээн сарай, чарбак салдырып, кашына кырк кыз коюп эркек кишиге көргөзбөстөн багат имиш. Күндөрдүн биринде кыздар сейил куруп сарайдын ортосунан агып жаткан сууга барышат. Суунун үстүндө турган көбүктү көрүшөт, ага суктанышат, көбүккө жуунушат. Көбүк менен жуунган кыздардын кийин баарынын боюна тегиз бүтүп калат. Кыздардын бул окуясы падышага угулат. Падыша ыза болуп каарданат. Кызын, кашындагы кырк кызы менен бир ээн тоого жеткирип таштатат. Ошол кырк кыздан туулган балдардын тукуму кыргыз болот имиш.

Өз тилинде жазылган белгилүү тарыхы жана тарыхты терең билген кишиси болбогон кыргыз эли, «кожом айтты, кырк кыздан таралган экенбиз» дешип ишенип калат.

Мурунку убакта казак, кыргыз, өзбек, татар жана башкалары баш кошуп сүйлөшсө эле: – Жети атаңды тап, түпкү атаң ким? – дешип сөздү ата, жотосун териштирүүдөн баштачу. Жети атасын таба албагандарды «кулсуң, тегиң жок, тексизсиң» – деп ызалап шылдың кылуучу, кордоочу. «Кырк кыздын» сарайында бир кызыл ит жүрүүчү экен, кыргыздын теги ошол кызыл итке байланыштуу дегенди да ойлоп чыгарып, элди кордогондор болгон. Кызыл ит деген жалаадан кутулуш үчүн түпкү атабыз Акеша аттуу сахава болуптур, дегенди да ойлоп чыгарышкан. Жогоруда кыргыз деген «кыр кез», «кыр-кийиз», «кырк кыз» деген сөздөрдөн келип чыккан дегендер тууралуу айтылды. Байкоодо бул сөздөрдүн ар кандай уламаларга, божомолдоолорго, шылдыңдоолорго байланышканы сезилип турат. Ал сөздөрдө эч канчалык деле чындык жок.

Кыргыздын чыныгы түпкү теги

Тарыхтарда жана тарых билген кишилердин айтуусуна караганда Сибирдин түштүк тарабын жердеген түрк элинин абыдан атактуусу кыргыз эли экендиги белгилүү. Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Угуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен. Кыргыз эли ошол Угуздун Кыргыз небересинин насилинен тараган деп айтылат, Азыркы кыргыз наамындагы элдин баарын эле ошол Угуздун небереси болгон Кыргыздын тукумдары деп ойлоого болбойт.

Кыргыздын жердеген жери мал багууга жайлуу болгондуктан, мал өстүрүү үчүн көчүп барып кошулгандар да болгон.

Түрк тарыхындагы атактуу тарыхчынын бири болгондуктан, мал өстүрүү үчүн көчүп барып кошулгандар да болгон.

Түрк тарыхындагы атактуу тарыхчынын бири болгон Абдулгазынын эмгегинде кыргыз тууралуу төмөнкү сөздөр жазылган: «Угуз хандын Кыргыз небереси бар эле, кыргыз эли ошонун насилинен, укум-тукумунан болот» – дейт. Жазганга караганда ошол убакта кыргыз насилинен тараган кишилер аз болучу. Монгол, татар жана уйгур урууларынан оттуу, суулу жерлерди издеп барышып, кыргыз элинин арасында турушуп, кийин кыргыз атагын көтөрүп калышкан деп айтылат. Булар жалпысынан кыргыз жана кемчут деген эки жама эл болуп, көп жылдар бири-бирине аймакташ болуп жашаган. Жеринин бир тарабын Селенги, экинчи тарабын Анкара-муран деген эки чоң агын суу ээлеген. Анкара-Муранга кыргыз чегинен өткөндөн кийин көп туура суулар кошулуп бара-бара улуу сууга айланып, Ассы деңизине куят. Куйган жеринде, деңиз жакасында бир чоң шаар болуптур. Жердегендердин кендери жана аяктуу малдары абдан көп экен. Жылкысы зоот келип, алардын бир жаштагы тайы биздин эки жаштагы жылкыбызга барабар! Жылкылары чылгый ала болуп, башка түстүүсү болбоптур. Ушул шаардын аты Алакчын. Шаардын тегерегинде күмүш кенине бай жерлери көп болуп, ошондон ал элдин казаны аяк, табагы, кашык, зооту дээрлик күмүштөн жасалуучу экен. Бул элдерди кийин өзбектер макал кылып «ала жылкылуу, алтын очоктуу эл» деп аташкан. Кыргыз хижараттан 3400 жылдар илгери атагы дайын болгон Угуз хандын кыргыз деген небересинин насилинен экендиги, ошондон тарагандыгы, кадимки эзелки мамлекет экендиги кытай тарыхтарында көп замандан бери маалым. Кыргыздар мындан 2100, 2200 жылдар илгери Хун мамлекетине багынууга ылаажысыз болуп, Хун мамлекетинин батыш тарабын ээлеген. Кыргыз эли Хун мамлекетинин кол алдында болгон заманда Эне-Сай губерниясынын түштүк жагында могол насилинен болгон элдер менен катышкан. Буларга аралашып кетүүнүн натыйжасында. Кемчут наамы: калып, Хягыс атагы басымдуулук кыла баштаган. Бирок бул Хягыс деген атак кытайлар тарабынан айтылып, ал эми элдер өзүлөрүн дайыма эле кыргызбыз дешип жүрүшкөн. Чинлилердин маалыматы боюнча ошол заманда кыргыздардын жазуулары, тилдери уйгурларга жакын келип, диндери шаман дининде болгон деп болжолдонот. VI кылымдын аягында кыргыздар абыдан кубаттуу мамлекет куруп, күн чыгышы Байкал көлүнө, күн батышы түштүк Түркестанга чейин жайылган. Тарыхтарда кыргыздын атагы так белгилүү болгон кези мына ушул кылымдар болот. Кыргыздын ошол атагы чыккан мезгилин тактоонун дагы бир мисалы 569-жылы Ту-Хю деген ат менен белгилүү болгон түрктөрдүн улуу ханы Дизавулга Император Юстин II тарабынан элчиликке жиберген Земарк дегенге тартуу кылып жөнөткөн бир кул кыргыз улутунан болгон. 758-жылдарда кыргыз падышачылыгы уйгурлар тарабынан күчсүздөнө баштаган, Ошондон кийин кыргыз тууралуу маалымат тарыхтарда кемий баштаган. 836-жана 841-жылдарда уйгур мамлекети күчсүздөнөт. Ошол убактарда кыргыздар кайтадан кубаттанып өзүн-өзү бийлей баштайт. 840-жылда кыргыздар менен уйгурлар арасында согуш болот. Уйгурлар жеңилет, алардын бир бөлүгүн кыргыздар өзүнө каратат. Ошол кезде кыргыздын жердеген жери Эне-Сай жылгасынын жогорку тараптары болот. 873-жылдардан баштап кыргыздар башкача айтканда «Хягас» жөнүндө кытай тарыхында маалыматтар түгөнө баштайт. Андан ары X кылымдарда кыргыз падышалыгы күчсүздөнүп, уйгурлар кыргыздын кол алдынан бошоп чыгышат.

Чыңгыздын доорунда (XIII кылым) кыргыз Чыңгыздын кол алдына кирет. Бул жөнүндө тарыхчы Абулгазы мындай дейт: «Чыңгыз хан Алтан менен Турамыш деген кишилерди элчи кылып кыргызга жиберет, мага багынсын деп. Ошол убакта кыргыздын падышасы Орос-айнал деген киши экен. Ал «жакшы» кишилерди көп тартуулар менен жиберип, багынууга макулдугун билдирет. Тартуунун башы тумшугу, буту, көзү кызыл ак шумкар болуптур».

Тяншандык кыргыздар азыркы жердеп турган жерине качан келген?

Кыргыз эли Эне-Сай тарапта өсүп-өнгөндүгү жана ал эзелтен берки улуу эл болгондугу, тарыхтарда эчактан бери маалым. Бирок кыргыздар ушул азыркы жердеп турган жерлерине качан келгендиги жана кандайча келгендиги тарыхтарда маалым эмес. Ушул жагдайда укумчу карыялар да эчтеме айта албайт. Бул маселе жөнүндө менин пикирим төмөндөгүдөй, бирок ал пикиримди өзүм да толук далилдүү деп эсептей албаймын: Батыш Сибирде 346-жылдан хандык кылган кыргыздар, алардын акыркы кандары Жедигер хан, Бекболот хандар Көчүм хандан жеңилип, өз баштарын куткаруу үчүн Букара тарапка качканда эл ошол качкан хандарын ээрчип Анжиян, Наманган, Алай тоолоруна ооп кеттиби деп ойлоймун. Чыңгыз хандын күн батыштык чабуулунда кыргыз Мамык дегендин уулу Тайбука хан да Чыңгызханга багынып, өзүнүн колу менен Чыңгызхандын күн батыштык чабуулунда бирге болгон экен. Чыңгызхан 1220-жылы Букараны багынткан Тайбука хан

Иртыш, Том, Тоболдо хандык кылууну Чыңгызхандан өтүнүп сурайт. Чыңгызхан Тайбука хандын жогоруда айтылган суроосун орундатып, хандыкка уруксат берет. Хандык Тайбука хандан кийин анын уулу Кожо ханга өтөт. Кожо хандан кийин анын уулу Маркан хандык кылат. Маркан Упак деген казак ханынын карындашына үйлөнөт. Кийин Упак Марканды өлтүрүп Абдур жана Жапалак деген балдарын туткун кылып Казанга алып кетет.

Кийин Казанда Абдурдун Мухамбет деген уулу жана Жапалактын Ангыш деген балдары Упак хандан атасынын кунун кууп, өч алып, өзүлөрүнүн аталарынын хандыгын кайра тартып алышат. Ангыштан кийин бийлик Касым ханга өтөт. Андан кийин Ангыштын Бекболот жана Жедигер деген балдары хандык кылат. Ошентип Тайбуканын балдары биринен кийин бири хандык кылып отуруп, Батыш Сибирде (Иртыш, Ишим, Тобол тарапта) 343 жылдан ашык эмес, 336 жылдан кем эмес хандык дооранын сүрүшкөн. Бардыгы болуп жети хандык бийлиги өтөт. Муну мындайча далилдөөгө болот; Сибирь тууралуу жазылган тарыхтарга караганда, батыш Сибирь хандыгы Тайбука хандын тукумунан Шибан уруусунан болгон Көчүм ханга 1563-жылдарда өтөт, Андай болгондо Чыңгыз хандын Букараны багынтып алган жана Тайбука хандын Чыңгызхандан батыш Сибирдин Иртыш, Ишим, Тобол тараптарына хандык кылууну сурап алган жылы 1220-жыл болот. Ошентип арадан 343 жыл өтөт. Демек кыргыз уруусунан болгон Тайбука хандын укум-тукуму батыш Сибирде 343 жыл хандык кылган деген сөзүбүз мына ушуга таянып айтылат. Көчүм хан менен болгон уруш тууралуу. Тайбука уруусунан болгон Жедигер хан менен Шибан уруусунан болгон Көчүм хандын ортосунда көп жылдар согуш болот. 1563-жылы Көчүм хан Жедигер хан менен Бекболот ханды жеңет, эки хандын кол алдында болгон элди өзүнө багынтат, Бекболоттун баласы Сыдык деген Букарага качып баш калкалайт. Сибирь тарыхынын мына ушундай айтылган маалыматтарына караганда, хандыгын Көчүм ханга алдырган кыргыз уруусунун бет ала кача турган, баш калкалай турган азыркы Орто Азия аймагы болуп калгандай. Хандары Көчүм хан тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Тайбука уруусунан тарагандардын кийинкилеринин бири Бекболот хандын баласы Сыдык Букараны (Түркстанды) көздөй качканда эли да ошол тарапты көздөй качкан го. Ооп көчүп отуруп Анжиян, Наманган, Алай тоолоруна келген го деген ой туулат. Адатта ханы качкан жакка эли да качат эмеспи, качпай коё албайт.

Эгер андай болбогондо Батыш Сибирде кыргыз Тайбука уруусунан калган эл барбы, болсо кайсы жерде же ошол 400 жылдан ашык убакыттын ичинде тукум калбай жок болуп кеттиби. Же болбосо Батыш Сибирге Тайбука жалгыз кара башы келип хандык кылганбы деген суроо туулат.

Албетте, Тайбука Батыш Сибирге келгенде, келип хандык кылганда, жалгыз эле өзү келбестен жерге-жээги, эли, колу менен келип, хандык кылган деп ойлоого болот. Тайбуканын таянганы өз эли, өз колу болбосо, албетте батыш сибирдиктер аны көпкө чейин хан кылып кармап турбай, бат эле жыгат эле. Жыйынтыктап айтканда, Тайбука батыш Сибирге хандык кылууга көчкөндө байыркы Эне-Сайды жердеген кыргыздар да ошол тарапты көздөй ооган болууга тийиш. Эгер андай болбосо, илгертен ЭнеСайды жердеген, ошол жерде өсүп-өнгөн кыргыз калкынан хакас наамы менен калган бир аз элден башкалары кайда кетти? Биздин оюбузча Чыңгыз хан кыргыздын ханы Орос-Айналды өзүнө багындыргандан кийин, кыргыздар Эне-Сайдан Батыш Сибирге хандык кылган Тайбуканы ээрчий козголо, оой көчкөн болууга тийиш. Жедигер ханды Көчүм жеңгенден кийин Бекболот хандын баласы Сыдык Көчүмдүн кысымына чыдай албай Букараны көздөй качканда ал жактагы кыргыздар жогоруда айтылгандай Сыдыкты ээрчий Түркстан тарапты көздөй оодарыла көчүп Анжиян, Наманган, Алай багытындагы тоолорго топтолгон болууга тийиш. Алар бул жерлерден бара-бара азыркы жердеп турган аймакка Ат-Башы, Нарын, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал, Чүй, Таласка жайылып тургандай сезилет. Тарыхта Анжиян, Наманган, Фергана тарапта узак убакытка созулган туруктуу кыргыз хандыгы болгондугу билинбейт. Эгерде качып, бозуп бир жактан, маселен Сибирден ооп келип чогулган кыргыз эли Фергана тарапта көп мезгил байырланып жашап калган болсо эч болбогондо хандык, бийлик белгилери же журту калган болоор эле деп болжолдоого болот.

Мына ошентип, Кыргыз эли азыркы жердеп турган жерине Чыңгыз ханга багынгандан кийин батыш Сибирге карай ооп, андан кандык Көчүм ханга өткөндөн кийин Сыдыкты ээрчий XV–XVI кылымдарда Фергана тарапты көздөй качып, бозуп келген болууга тийиш деген ой туулат. Кийинчерээк Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Текес, Кулжага тарашы ыктымал.

Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү

Карыялардын айтышы боюнча кыргыз оң, сол деген эки атадан таралат. Оңдун үч баласы бар имиш. Анын бирөөнүн аты Адигине, экинчисинин аты Тагай, үчүнчүсү Наалы деген кыз болот көрүнөт. Наалы эжени Моңолдор деген кишиге берген экен. Моңолдор уруусу ошол Наалы эжеден тараган дешет. Адигиненин тукуму чоң уруу эл болуп Фергана тарапты ээлейт. Тагайдан Богорстон, Койлон, Сарыбагыш деген үч уул болот.

Богорстондон бүтүн солто, бөлөкбай, талкан болуп, булар Таластан Токмокко чейинки аймакты жердешет. Койлондон тараган Жедигер деген эл. Булардан бир канчасы Фергана жакта, бир тобу солто арасында.

Сарыбагыштын мойну ийри, кылжыр имиш. Ошондуктан Сарыбагыш деген аты калып, кийин кылжыр атанып кетет. Кылжырдын Дөөлөс, Орозбек «деген эки уулу болот. Дөөлөстөн Токо, Жантай, Элчибек, Манап деген төрт уул. Алардын тукуму Боом, Ортотокой Кеминди жердешет. Манаптан Жарбаң, Сүтөн деген эки уул. Сүтөйдөн Эшим, Сарысейит, Тугур. Сарысейиттен Түлкү, Үчкө. Түлкүдөн бүтүн Тынай эли, алар Токмокко караган жерлерде. Үчкөдөн Маматкул, Дөөлөт, Кадыя, Эрдене деген төрт уул. Маматкулдан Темир, Болот деген эки уул. Темирден Черикчи, Назар, Болоттон Эсенгул. Эсенгулдун бир аялынан Бешкүрөң, Дөөлөттөн Надырбек, булар Кочкорду жердейт. Темир жана Болоттон тарагандар Ат-Башы, Нарын, Кочкорду жердеген сарыбагыш.

Кылжырдын Орозбак  деген  уулунан  Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген төрт уул болот. Арыктан тарагандарды илгери «түргөн эли» деп коюшчу. Түргөндү жердегендигине байланыштуу. Асандан тарагандар түргөн элиндеги арык тукуму ичиндеги Асан тукуму деген эл. Карамырзадан  «күрмөнтү  элинде» аз түтүн эл бар. Мырзакулдан Алсеит, Тынымсеит. Тынымсеиттен калган Нарындагы бир болуш Тынымсеит эли. Алсеиттен Жаманкул, Бапа. Бапалар Барскоонду жердейт. Жаманкулдан Бооке, Итбок, Кыдык, Белек. Бооке, Итбоктун тукуму «күрмөнтү эли». Кыдыктын тукуму Тоңдогу бир болуш эл. Белектин бир катыны Салмаке. Андан тарагандар Түптү жердеген бир болуш эл. Белектин экинчи катыны Жаркын. Андан Токой, Такабай, Саты, Алдаяр, Алдаш. Булардын баары Күрмөнтүнү жердейт. Жаркындын Алдаш деген уулунун Кагаз, Шекер деген эки катыны болот. Шекерден Тазабек, Меңмурат, Шапак. Кагаздан Кудайменде, Түкөк, Бирназар. Бирназардан Алыбай, Нанжебес, Эсенаман, Муратаалы, Данияр, Баялы. Баялыдан тукум жок. Калгандарынын тукуму Жети-Өгүздү жердешет. Мына ушулардын бардыгы Алсеиттин күңүнүн балдары. Жылкыайдардын тукуму Тилекмат, Чыныбай. Барскоондо желдең бугулар. Тагай бийдин заманында азып-тозуп, селсаяк жүргөн эки жигит келип Тагай бийге бала болот. Анын бирөөнүн атын Карачоро, экинчисинин атын Сарычоро коюшат. Ал экөөнөн тараган тукумдар саяктар деп аталып калган. Наманган, Кетмен-Төбө жактардагы саяктарды түнкатар, Түнтөй деген эки чоң, уруу түзөт. Жумгал тарапта курманкожо, кулжыгач аттуулар. Ат-Башы суусунун аяк жагынан Анжыянга чейин чоро саягы. Ысык-Көлдүн Күнгөй тарабында башы Ачыкташ, аягы  Тору-Айгырга чейинки жерлерди байменке, караш, ал эми Ысык-Көлдүн тескей жагындагы Улаколду алагөз, каба деген саяктар жердейт.  Ат-Башы,  Арпада чериктер.  Карыялардын айтымына караганда булар Тагай бий заманында жоодон колго түшүп, ошондон калган чериктердин тукумунан деп айтылат. Сарыбагыш ичинде асык, өсүк деген бир болушка толбогон эл бар. Буларды да жоокерчилик убакта колго түшкөн, олжого алынган кулдун тукуму дешет, эл буларды азыгыбыз, талканыбыз үчүн деп шылтоолоп өздөрүнө кошуп алган дешет. Тагай бийдин заманында бир жортуул болуп, Наалы эженин күлүк коңур кула деген аты жоого түшүп кетет имиш. Кийин уруштан түшкөн олжону бөлгөндө, коңур кула атыңыздын төлөөсү деп Наалы эжеге жоодон колго түшкөн бешиктеги бир эркек баланы берген дешет. Ошол баладан тараган тукум Коңурат деген эл экен. Коңураттар азыр Жети-Өгүз районунда айыл, айыл болуп турушат. Бугу ичинде, Жети-Өгүз районунун аймагында Чоңкызылсуу, Кичикызылсуудан Карабулуңга чейинки айылдарды дөөлөстөр ээлейт. Жууку, Кичикызылсууда саруулар.

Бугулар тууралуу. Сарыбагыштын (Кылжырдын) Орозбагынын Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген төрт уулунан тарагандар, майда белек, тынымсейит жана алардын ичинде жүргөн майда курама уруктар (коңурат, эстек, торок, кызыл сакал, отуз уул ж. б.) бугу аталат. Легендага караганда бугу «мүйүздүү эне» кайып кызы касиеттүү аял имиш. Карыялар «мүйүздүү энени» мындайча айтышат. Орозбактын Асан, Карамырза деген эки уулу аң уулап Нарындагы Аламышыктын тоосуна барат имиш. Мергенчилик кылып жүрүп бир жерде улагын эмизип турган маралды көрүп калышат. Атып жиберишсе:

  • Жалгызымды аттың, балаңды ат, ботоңду ат,– деген үн чыгат. Карашса музоо эмип турган жерде бир аял пайда болот. Ал аялды учкаштырып айылга жөнөшөт. Жолдо келе жатып аял:
  • Олжого мурун кимдин колу тийсе, ошол алат дечү эле, маган колуң мурун тийди, мени өзүң ал,– деп Карамырзага акыл айтат. Кайыптан пайда болгон аялды айылга алып келишет. Акылдашып отуруп, Мырзакулга токтолушат. Себеби анын аялы Токтобек деген итти жүз кылам деп жалаң ит багып, алек болгон жөнүрөөк киши экен. Кеңешип отуруп табылган кайып аялды Мырзакулга алып беришет. Күндөрдөн күн өтөт. Бир күнү Карамырза аңга чыгып бара жатканда талаадан табылган аял «мүйүздүү эне»: «Акем элик атса, аткан элигинин төшүн эмчеги менен алып келип берсин» деп абысынан айттырат.

Карамырза элдин тили менен «мүйүздүү энени Мырзакулга берип койгонуна кийин өкүнүп калган экен.Тигил сөздү укканда, ич күйдүсү эске түшүп: «Кечээ өзүм талаадан таап келген күң, бүгүн мени менен теңтуш болуп, мен аткан эликтин төшүн жегиси келет,– деп ачууланып, «мүйүздүү эненин» талабын орундатпайт. Кийинчерээк Арык аңга аттанып кетип баратканын көрүп:

  • Элик атса төшүн эмчеги менен маган алып келип берсин,– деп абысынынан айттырат. Ал күнү Арык аткан эликтин төшүн эмчеги менен келинге алып келип берет. Ал төштү түн ичинде казанпака жайып коюп эмчегин эмсе, кадимкидей сүт чыккан имиш. Эмчекти эмип, талгагы кангандан кийин, эшикке чыгып:
  • Арык акемдин тукуму менин  тукумумдан  кем болбосун, Асанмырза, Карамырза тукумуң жүзгө жетпесин, башың бир жерге кошулбасын,– деп каргайт. Ошол себептен Карамырза, Асанмырзанын тукуму аз болуп калган дешет. Арык акенин тукумунун көп болушу алардын дайыма Мырзакулдун балдары менен тең ата болуп жүргөнү касиеттүү эненин батасынын таасиринен дейт.

Ошентип талаадан Асанмырза, Карамырза таап келген аял кайып кызы, башында мүйүзү бар касиеттүү киши болгондуктан Сарыбагыштын (Кылжырдын) Орозбак деген уулунан тарагандардын баары (арык, белек, тынымсейит ж. б.) ырым кылып, «бугу, мүйүздүү эненин» ураанын чакырып калган экен.

«Мүйүздүү эненин» таягы, үзөңгүсү дешип кийинки жылдарга чейин майлап, катып жүргөндөрүн биз да көрүп калдык.

Уруу ичиндеги бөлүнүүлөр

Ар бир  уруу урук-урук, айыл-айылга, «чоң-айыл», «кичи-айыл» (курама) болуп бөлүнөт. Маселен, бугу өз ичинен арык, белек, тынымсейит болуп үч урукка бөлүнөт.

Бул үч урук да алда нече атага, айылга бөлүнөт.

Булардан тарагандардын кимиси болсо да бугу уруусунун ичинде өзүлөрүн тең ата санашат. Бугу уруусунун ичинде бугуга курама болгон бир нече уруктар бар. Маселен, дөөлөс, саруу, коңурат, торок, отуз уул, эстек, кызыл сакал ж. б. Булар букара, «кичүү ата» болуп эсептелет. Курама уруктардын түтүнү көптөрү өзүнчө айыл болуп, түтүнү аздары чоң атанын балдарынын бирөөнүн кол алдында болот. «Үйүндө көптү талаадан киши урбайт» дегендей чоң атанын балдары кайда болсо чоң, букаранын балдары кайда болсо кор. Адатта чоң атанын балдары ардакталып, өзгөчөрөк кадырланган. Жоокерчилик убакта чабуулдан түшкөн олжо да ата аксакалдашып бөлүнгөндүктөн улуу атанын тукуму олжону арбын алуучу.

Уруу ичиндеги курама урук

Бир урук өзүнүн уруусуна нааразы болсо, жакындары теңдигине жеткирбесе, кордук көргөзсө, анда өз уруусуна таарынган урук башка бир урууга кетип да калуучу. Андай бир уруудан экинчи урууга көчүп барган урук, жаңы урууга курама урук болуп кошулган. Курама урук тиги чоң уруунун кишилерине өзүн кичи ата, кичи айыл катары саначу, абдан көз каранды болучу. Кулдук даражасында болбогон менен, көз карандылык даражасы кулга жакын болчу. Малына, башына бийлик кыла албай калган учурлары да болгон.

Эгерде жалгыз башы гана барып башка урууга кошулса, ал киши ушул айылдын же уруктун кулу катарында жүрүүчү. Ошондой эле жалгыз өзү барып башка уруунун кишисинин аялынын эмчегин эмип бала болсо, андай баланы «тонсуз уул» деп коюшкан. Андай уулдар баары бир «тентимиш», «кул» деген кордуктан кутула алуучу эмес.

Уруу арасындагы кагылышуулар

«Саяктын огу

Сарбагыштын шогу

Солтонун тогу

Бугунун баарынан жогу».

Саяк, сарыбагыш шогураак келип, бугу уруусу жоош, момун эл экен. Сарыбагыш, саяктар бугуга нечен жолу чабуул коюп, олжологон учурлары көп болуптур. Жогоруда айтылган макал ошондон келип чыккан дейт.

Кушбегинин чабуулу

Бугу элиндеги Шапак деген кишинин энеси саяк кызы экен. Шапактын тукуму кийин өзүнчө эл болот. Бугу менен чырлашууга шылтоо издеп саяктын Качы деген «чоң кишиси» бугунун атактуу бийи, аксакалы Муратаалыга:

– Шапак биздин кызыбыздын курсагына кетип, силерде чоңойгон, биздин бала экен. Тукуму менен өзүбүзгө көчүрүп бергин, – деген доо коёт. Бугу өзүнүн арасындагы бир айыл элин көчүрүп бер деген Качынын доосуна катуу намыстанып макул болбойт. Ошол кезде шарт боюнча бир уруу экинчи урууда аласасы болсо уруу башы, аксакалдарына айтып доолачу. Эгер сураган доосун бербесе, эки жак кол курап чабышып, бирине-бири жоо болуп калышкан.

Качынын Шапагын бугу көчүрүп бербей койгон соң, Качы Кокондун ханына барат. «Бугулар бир айылдуу Шапак деген элимди бербей зордук кылды, теңдигимди алууга кол бер, барып бугуну чабамын» дейт. Кокон ханы өзүнүн орун басары Кушбеги дегенди баш кылып кол – черик берет (саны маалым эмес). Качы өзүнүн жана Кушбегинин колун ээрчитип (кайсы жыл экенин таба албадык, болжол менен болууга тийиш) Түптүн кептешине барып жатып калат. Бугу үркүп Каркыра, Текести көздөй качат. Качы өзүнүн жана Кушбегинин колун баштап, үркүп качып калган элдин артынан түшөт. Бугунун эл башкарган бийлери Муратаалы, Ыйса өзүнүн баатырлары менен кол курап Кушбеги менен сайышууга тозотко жыйналат.

Качы чабуул коюп келе жатканда, Теңизбай деген уруудан чыккан Керек баатыр Качыны ыргыта сайып өлтүрүп, атын олжо кылат. Качынын колу кайра качат. Бугулар жоонун артынан түшүп, колго түшкөндөрүн өлтүрүп, аты, тонун олжо кылышат. Кушбеги качып кайта кетет.

Көп чакыр келгенде

Саяк уруусунун Осмонбек, Кожомберди деген эки чоңу бугуну талап, олжолоп жерин жердейбиз деген ой кылат да, өзүнүн элдери менен бугунун ичине көчүп барат. Адегенде алар:

– Айылыбыз жакын болбосо арабыз алыстап, нааразычылыгыбыз көп болот экен, бирге көчүп, бирге жүрсөк жакындашып кетээрбиз деген ой менен көчө келдик,– деп алдай баштайт. Аралаша жашап, сыр алгандан кийин чабуулга даярдана башташат. Ошол учурда бугулар менен жакшы мамиледе жүрүшкөн саяктын баймөнкө, караш деген чоң уруулары беркилеринин чабуул коюуга кылып жаткан камылгаларын алдыртан киши жиберип бугуларга билдирип коёт. Бугулар тез камынып берки саяктарды чаап алат. Улаколду жердеген алакөз, каба Торуайгырда жашаган баймөнкө, караш деген саяк уруктары ошол мезгилден бери Ысык-Көлдү жердеп келет. Бугулар саяктарды чакыр дешет. Осмонбек, Кожомберди баатырлардын бугуну чаап, олжолоп, жерин жердейбиз деп эли менен көчө келген жылын бугулар «кеп чакыр келген жылы» деп макал кылып калышкан.

Ормон хан тууралуу

Ормонду бүтүн кыргызга хан болгон деген да түшү нүктөр болуп жүрөт. Чынында Ормон сарыбагыштан башка кыргыздарга хандык кыла алган жок. Бирок ал атактуу, өзү айлакер киши болуптур.

Ормон 1840-жылдарда Көтмалды деген жерде сарыбагыш, солто, саяктын кол баштаган баатырларын, эл башкарган баш кишилерин чакыртат.

  • Тезирээк келгиле. Бугу деген элдин чоң Ногой деген баатыры колун курап, сарыбагыш, саяк, солтону чаап олжолоймун деп келе жатат. Бир жолку ачууңду бер деп, мен токтотуп жатам, – деп Ормон нокусум кылат. Шашкалаңдап чакырылгандар жерге-жээги менен келип калышат.

Ошол кезде жазга салым жутумчулук маал экен, киши деген кара таандай чогулган. Ормон бугунун чакырылган аттуу-баштуу кишилери менен чоң Ногойго өзүнчө үй тиктирип берген болот. Иш баштала электе Ормон чоң Ногойго кайрылып:

  • Эл чогулганда мен алдыңа келем, ошондо суроого жооп бербей унчукпай отура  бересиң, – деп үйрөтүп коёт. Чакырылган эл келип, топтошуп кымкуут болуп бир нече күн камалып жаткандан  кийин, Ормон бугу чоң Ногой жаткан үйгө эл менен барат. Үйгө жакындаганда, ээрчитип баргандарын үйдөн окчунураак коюп, чоң Ногойго чуулдатып салам айттырат. Аларды ошол жерге калтырып, эл көрсүн дегенсип, өзү атынан түшүп, камчысын мойнуна салып, бүгүлө, жүгүнө чоң Ногойдун алдына барат.

Ормон кичинелик менен баратканын карап тургандар көрүп, чоң Ногойдон үрөйлөрү учат. Себеби чоң Ногой деген киши бир өгүздүн жарты терисинен бир өтүк жасатып кийген абдан зор киши экен. Алдына эл барганда чоң Ногой унчукпай отура берет. Ормон Ногойдун алдына барып өмөчөктөп:

  • Саяк, сарыбагыш, солто туугандарың эки тогуз тартуу байлады, бир жолку ачууңузду маган бериңиз, буларды чаап олжолойм деген ачууңузду токтотуңуз, -дейт. Ногой көпкө чейин унчукпайт. Ормонду ээрчий баргандардын чыны менен эле эстери чыгып турат. Бир кезде чоң Ногой:
  • Бердим бир жолку ачуумду -Ормон баатыр сага, колумду токтотоюн,– дейт.
  • Кулдугум бар, – деп Ормон кайра жөнөйт. Ормонду ээрчип барган саяк, сарыбагыш, солтонун жакшылары Ормон мыктылыгынан бизди бугунун чабуулунан ажыратып калды деп ыраазы болуп, баш ийип калышат. Мунун баары Ормондун амалынан чыккан нерселер. Кийин чоң Ногой:
  • Ай ошондо оңбогон Ормондон коркконум ай, – деп калуучу эле деп карыялар сөз кылганын угаар элек. Ошентип Ормон куулук кылып, ошол жыйында сарыбагыш, саяк, солтонун жүрөгүн алат да, жыйынды таратпай, эчтеме айтпай, элди кайрадан камап жата берет. Ачкалыктан аттарын союп жеп, далай киши жөө калат.
  • Айтаарың болсо айтып, жыйынды  тарат, – деп Ормондун алдына барып айтууга ошончолук элден бир киши чыкпайт. Камалып жата беришет. Бир күнү Ормон талаага кийиз, килем жайдырат, ал жайылган килем, кийиздерге элдин баш кишилерин, аксакалдаштырып отургузат. Орто жерине килем  жайдырып  анын үстүнө илбирстин терисин салат. Эл отуруп жайланышкандан кийин, Ормон келет да, орто жерге салынган илбирстин терисине барып отурат. Кыйлага чейин унчукпайт, эл карап отура берет. Эл унчукпагандан кийин:
  • Кызыл тебетей бирөө эле болот, – деп Ормон өзүнүн эки санын аткып алат да: – Тарагыла, – дейт. Араң турган эл бет-бети менен тарап жоголот.

Ошентип Ормонду эч ким хан көтөргөн эмес экен, ал өзүн-өзү хан көтөргөн, андан кийин өзүн хан деп эсептеген.

Ормондун бугудан өлүшү

Карыялар Ормон чагалдактын кунун кууйм деп бугудан өлдү деп сөз кылышат. Бул үстүртөн айтылган кеп. Ормондун чагалдактын кунун кууйм деп бугуга чабуул коюшунун түпкү себеби башка. Ормондун бугунун жерине Ысык-Көлгө кызыкканы, аны ээлеп алууга көңүлү бузулганы илгертеден белгилүү. Ушул оюн ишке ашыруу үчүн ал нечен себептерди, шылтоолорду ойлогон, ошолордун бири төмөнкүдөй. Ормон мылтык соктуруучу экен. Жасалган мылтыктарын аттырып сынатканда жолдуу, кандуу болсун деп кулдарынан, күңдөрүнөн бута койдуруп аттырып көрүүчү экен. Ошондой жолу кандуу болгон мылтыктарынын бирөө чолок кара мылтык болуптур, кийин мылтык кара чолок аталып кетет. Ал мылтыкты сен алып жүр деп Алыбек деген жигитке берет. Алыбек болсо, Ормондун айлындагы бир сарбагыштын кызына үйлөнгөн киши экен. Алыбек жашы улуу болсо да, аны Ормон теңине алып жезде деп айтуучу эмес экен. Алыбек бир күнү куш салып жүрүп карагандын түбүндө бир баланы колунан жетелеп турган бир кыздын үстүнөн чыгат. Сураштыра келсе, ал кыз казактын бир байынын кызы болуп чыгат. Атасы берем деген күйөөсүнө барбай, баланы каралды кылып, үйүнөн жетелеп келиптир.

  • Кыргыздын жакшы кишилеринин бирөөнө барайын деп качып чыктым эле, – дейт кыз.
  • Мен да кыргыздын жаман кишилеринен эмесмин, – дейт да кызды ээрчитип барып алып алат. Күндөрдүн биринде Алыбекти Ормон чакырып:
  • Казак кызды кайдан алдың, биздин айылга келе жаткан кызды алып койгонуң кандай? – деген сөздөрдү айтып Алыбекти каардайт. Жеткирип бер мында, – дейт.

Алыбекте табар айла барбы. Алган казак кызды Ормонго жеткирип берүүгө аргасыз болот. Ормон жылыга мылтыктарынын кундактарын жаңыртуучу экен. Бир күнү кундактарын оңдоттурам деп ар кимдин мылтыктарын жыйнатат.

  • Баягы карачолоктун көчүгү чириди го, алып кел, – деп Алыбекке киши жиберет. Кабарчы киши:
  • Кара чолоктун көчүгү чириди го, алып кел деп, жиберди, – деп айтат. Алыбек болсо мылтыкты түбөлүк алдым деп жүргөн экен.  Эми  Ормонго  нааразылыгы дагы артат.
  • Мылтыктын көчүгү чириди дейби? – деп Алыбек келген кишиден сурайт.
  • Ошондой, деп жооп берет келген киши. Анда мурдатан ичи күйүп калган Алыбек:
  • Кара чолоктун көчүгү чириди го десе, казак аялдын да көчүгү чиригендей болду окшойт, андай болсо казак аялды кайра өзүмө жеткирип берсин, – дейт.

Жиберген кишиси Алыбектин жообун Ормонго айтып барат. Ошол кезде Алыбек эми мени Ормон оңдурбайт дейт да, качкан бойдон Боронбайга келет. Жайын айтат.

Балаң болоюн Ормондон коргоп кал, – дейт да, Боронбайдын аялынын эмчегин ээмп жиберет. Күндөр өтүп Алыбектин Боронбайга качып барганын Ормон угуп, Алыбекти бергин деп, Боронбайга киши жиберет.

  • Караганга да чымчык корголойт турбайбы, корголоп келген бир кишини Ормонго кармап бергенибиз кандай болот, кантип караганча болбойлу, – деп Боронбай Ормондун кишисине Алыбекти бербейт. Ормон болсо нааразы болуп калат.

Көп узабай Ормон бугунун мазарын кыйратайын деп Тоңдун Ак-Терегине көчүп келет. Өсүп турган ак теректерди кыйдырып аяк, табак, чара кырдырып жатып, бир үйлүү кишини 600 кой менен калтырып кайра көчүп кетет. Малга калган киши:

  • Баатыр, бир үйлүү киши мынчалык кой менен жалгыз калганы кыйын болоор, ууру, бөрү, жоосу бар, алдырып жиберем го, – дейт.
  • Кала бер, бул койду күчала кылып таштадым, – дейт Ормон. Көрсө күчала кылып таштадым дегени, ээн калган малга бугу кол салса, ошону шылтоо кылып, бугу менен чырдашсам деген сөзү тура.

Кийин Алыбек элинде калган катын-баласын, малын алып келейин деп, Боронбайдан улуксат алып, ошол жакка барат да, Ормондун күчала кылып таштап кеткен 600 коюн көрүп:

  • Ормондун күчаласын мен жейин деп, малды айдап кетип калат. Ошентип турган кезде сарыбагыш ичиндеги чагалдактардын бирөө уурулук кылууга нээттенип жөө келип, бугулардын жылкысын тооруйт. Жылкычылар көрүп калып анын артына түшүп кубалашат. Кутулбай турганына көзү жеткен ууру Ысык-Көлдүн бир булуңуна сууга түшө качат. Ууру кууган жылкычылар булуңча көлдүн тыягына чыкса, быягын көздөй, быягына чыкса тыягын көздөй качып отуруп, акыры сууга кайыгып өлөт. Чагалдактын өлгөнү Боронбайга угулат. Боронбай ууру кылам деп келип, бир чагалдак өлүп калды деп Ормонго кабар жиберет.
  • Кун ойлогула, – деп Ормон Чаргын деген уулун бугуга жиберет. Чаргын бугуларга келгенден кийин ал жердеги Адыл (Ормондун иниси), Боронбай, Балбай чогулушат. Кеңешип отуруп:
  • Чагалдак ууру кылам деп келип өлүптүр – деп, кунга төрт киши, 40 жылкы баалашат. Чаргынга бирөөнүн күрөң атын мингизет. Атты минип, Чаргын үйүнө келип, атасына кундун жайын айтат. Ормон эчтеме айтпайт. Сейилкан деген баласы төрдө комуз чертип отурат. Ормондун Караназар, Жөөкалса деген эки жигити болуптур.

Караназар ошол үйдө экен. Ал тыяктан туруп:

  • Ошондой да кун ойлонобу? Атын Сейилканга ала келип бербейби,– деп кайраштыра сүйлөйт. Ошондо Ормон ордунан обдулуп:
  • Бугуну чабыш керек,– деп туш-тушуна кабарга киши чаптырат. Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн аягында жаткан Адылга:
  • Бүгүндөн калбай Балбайдын жылкысын тийип, чыр чыгарсын,– деп киши жиберет. Ошол кезде бугунун күңгөй жаккы аягын Балбай баатыр жердеп туруптур. Сарыбагыштан Балбайга беттеше Адыл конуучу экен. Бирге жүрүп, бирге туруп Балбай менен үйүр болуп калган Адыл бул кабарга катуу кейийт. Чыр чыгарбайын дейт, Ормондон коркот. Акыры аргасыз болуп, бир топ кол менен барып Балбайдын желеде жаткан жылкысын тиет. Ошону менен бугу сарыбагыш ортосунан чыр чыгат. Ысык-Көл күңгөйүндө сарыбагыштын колу менен бугунун колу, бир чети Ысык-Көлдүн жээгинен тартып, экинчи чети күңгөйдүн тоосунун түбүнө тирелишип кылка турушат. Адегенде Балбай баатыр барып бугуну чаап алууга келип турган сарыбагыштын колуна жеке чыгып тийип, тууну  ыргыта  коюп кайра тартат. Ошону менен бугу сарыбагыштын колу бет алышып сайышып калат. Сайышта бугу чегинип, жапырылып кача баштайт. Аттын мойну катты, олжого колдору байланды деген кезде, Түптүн кептешинен  Өмүр, Балбай сарыбагыштын колун майтарат.

Ормон ошол жолу кайта качканда, өзү да качып Түптүн карабаткагына келгенде колго түшөт. Ормонду эл тегеректеп турган кезде Боронбайдын шилтөөсү боюнча Балбай Ормондун артынан көрүнбөй найза менен бөйрөккө сайып кетет. Ормон ошол күнү өлөт.

Ормон өлгөндөн кийин бугу уруусу Ысык-Көл айланасынан кагажыктап Текес тарапка бет алат.

Бүгүн жалын

Эртең чок

Бүрсүгүнү жок

Анан барып жок дешип, бугунун карыялары сарыбагыштын күйүтү басылганча Текести жердеп турууну ылайык көрүшөт. Ормондун өлүгүнүн изи сууй электе сарыбагыш, саяк чогулуп, бугуну чаап алууга аракеттенишет. Солто Жангарачтын бугуну чаптырбаска кылган аракетинин натыйжасында бугу чабуулдан кутулат. Ал мындайча болот. Ормонду бугу өлтүргөндөн кийин Боронбай Жангарачка киши жиберип, алдыртан сүйлөшүп, макулдашат. Жангарач:

  • Ичегиси үзүлгөн, ичинен жалганат деген, Кылжырдын (Сарыбагыштын) эки уулу өлтүрсө бирин-бири өлтүрүптүр, өзүнчө эптешип алаар. Эгерде эптеше албай келсе, анан кийлигишээрбиз, – деп Курманкожо, Кулжыгач саяктарын үгүттөп, аларды сарыбагыштын бугуну чаап алууга кылган аракетине катыштырбай коёт. Солтону болсо өзү тыйып турат. Сарыбагыштар кызуу даярданып, бугуну чабууга аттанаарында, Жангарач учурдан пайдаланып сарыбагыштардын тынай уруусунун башчысы Жантайга шашылыш түрдө:
  • Жантай келип келинин алып кетсин, калыңы бүтпөсө да күнү бүттү,– деп киши жиберет. Анткени Жантайдын бир уулу Жангарачтын кызын алмак. Жангарач Жантайга кызын бербей кечиктирип, чанып жүрчү экен. Кабар жеткенде Жантай кубанган бойдон элинин баш кишилеринин баарын ээрчитип Жангарачка келинин алууга барып калат. Жангарач жатып эс алып, анан келиниңерди алып кеткиле дейт да, коноктор жайланышкандан кийин алардын минип келген аттарынын баарын тең жайлоого айдатып жиберип, өзүлөрүн жөө калтырат. Ошентип Ормондун кунун алууга камынган сарыбагыш уруусунун Тынай деген уругунун баш кишилери Жангарачтын айылына үч айча жөө жатып калат. Тынайы жок калган сарыбагыш колу аз болуп, бугуну чабууга чамасы келбей калат. Ошентип сарыбагыштын бугуну чабууга болгон аракети Жангарачтын айлакерлиги менен Ормондун өлүмүнүн кызуу учурунда токтолуп калат.

Ормондун кунунун бүтүшү

Ормондун уулу Үмөтаалы атасынын кунун кууп бугуну чаап, малын олжолоп, эркегин кул, аялын күн кылып, жерин жердеймин деп кол курап чабуул коёт. Согушта бугунун баатыры Балбайдын колуна түшөт. Бошонуп кайра айылына келгенден кийин, Үмөтаалы тартуу айдатып, Челек деген жердеги казактын төрөсү хан Тезекке киши жиберет.

  • Ормон каранын ханы, хандын төрөсү эле. Бугу деген эл аны өлтүрүп теңдик бербеди. Бугуну чаап алууга жардам, кол берсеңиз, деп баргандардан айттырат. Бул кабар бугуларга угулуп, алар катуу шашат. Көп күндөргө созулган кеңештерден кийин бугу эли айтылуу Тилекматка бир киши кошуп Тезек төрөгө жиберишет. Тилекмат барып, Үмөтаалыдан Тезек төрөгө тартуу алып келип жаткандардын үстүнөн чыгат. Тезек төрө барган сарыбагыштарга үй көтөрүп берип, коноктотуп жаткан кези болот. Тилекмат айылдын четиндеги бир үйгө түшөт. Аны «сен кимсиң, кайдан, эмне жумуш менен келген кишисиң?»– деген эч ким болбойт. Сураштырып көрсө, Тезек төрөнүн үстүнө эч ким кире албайт экен. Эбин таап, Тилекмат Тезек төрө кабактан басып келе жатканда, алдынан утурлап тозо барып саламдашат. Тезек төрө:
  • Эмне ишиң бар эле, кимсиң? – дейт.
  • Бугу туугандарыңыздан келдим. Алар сарыбагыш деген элдин кордугуна чыдабай кытайды көздөй качып, үркүп кеткени жатат. Качканы жаткан бугу туугандарыңыздын сизге деп арналган аманаты бар эле, ошол аманатты келип алып кетсин, ошону айтып кел деп жиберишти дейт.
  • Ыстамбек дегендин бир жандууда жок сулуу кызы бар. Төрөлгөндө эле төрөгө ылайык көрүп, аты Төрөжан болсун деп, сизге атап койгон экен. Ошол ак никелүү аманат жарын кытайга кете элегибизде алып калсын деп бугу кайындарыңыз мени жиберди, – деп жооп берет.

Сулуу кыз кабары Тезек төрөнү тез ийбелтет, ал:

  • Сарыбагыштар Ормондун кунун алып бер деп келип жатат, алар менен беттештирсем жүйөө айтышууга жарабайсыңбы? – дегенди айтат.
  • Беттештириңиз, жүйөө айтып ынандырсам Ормондун кунунан кутулуп кетейин, кутула албасам, ойлогон кунуңузду мойнума алып кетейин, беттештириңиз,– дейт.

Тезек төрө сарыбагыштан тартуу алып келген жакшылары менен Тилекматты беттештирет. Сарыбагыштын кишилери: бугу анда андай, мында мындай кылды деп биринен сала бири жамандоого киришет. Тилекмат унчукпай отура берет. Бир кезде ал Тезек төрөгө кайрылып:

  • Төрөм ханга да кун болобу? – дейт.
  • Болот, – дейт төрө.
  • Болгондо эмне болот, канча болот?
  • Ушул биз отурган үйдөй, үйдүн ичи толтура, түндү-гүнөн ашып төгүлүп турган дилде болот, – дейт.
  • Андай болсо төрөм, сарыбагыш тууганыңыз катын бугу сен турмак казактын ханы Кененсары, Ноорузбайды да өлтүргөнбүз дешип, эки күндүн биринде Бугу кайындарыңызды чаап алып кордой берди. Кордукка ууккан эл акырында Ормонду өлтүргөнү чын. Эгерде хандын куну ошончолук болсо, казак туугандар Кененсары, Ноорузбайдын кунуна канча дилде алды экен? Менин билишимче хандын куну болбойт, эгерде боло турган болсо, сарыбагыш тууган казак туугандарга Кененсары, Ноорузбай хандардын кунун бербейби?! – деп жооп берет.

Тилекматтын сарыбагышты казакка чагыштыра айткан сөзү, биринчиден Тезек төрөнүн канын кызытса, экинчиден жүйөөлүү сезилет. Анда Тезек төрө «ырас, хандын куну болбойт экен, сарыбагыш айдап келген тартууңду алып жөнө» дейт.

Ошентип Ормондун кунун Тилекмат Тезектин алдында бүткөзөт. Кийин Тезек төрө Төрөжанды күйөөлөп келип алып кетет.

Жоокерчилик заман

Карыялар уруучулук заманды «жоокерчилик заман» дешүүчү. Чынында уруучулук заманы, жоокерчилик заман болгон. Бир уруу кол курап барып экинчи урууну чаап, малын олжо, эркегин кул, аялын күн кылып талап кетүүчү, «Бөлүнгөндү бөрү жейт» дешип, ар уруу өз ичинен бирдиктүү, жоого даяр болууга аракет кылуучу. Бүтүн тиричилик, чарбачылык жоокерчиликке багындырылуучу. Ал убакта:

– Ой, ушу жоого кире алабы? – дешип үзөңгүнү узун теминген жигит болсо, андайларды абыдан жаман көрүүчү.

Жоо кабары угулганда, же болбосо өзү бир урууну барып чабаарда, уруу башы, же хан өз карамагындагы элдин баш кишилерине, баатырларына кабар берет. Алар колун курап, уруу башчыларынын алдына келет. Аксакалдашып хан, бийдин уруусунун айланасына жыйналат. Чогулгандар хан, бийлердин айтымы менен буюрганын иштейт.

Ал кездегилердин жоо-жарагы найза, каскак, айбалта, чоюн баш, шалк этме, союл, камчы, бычак.

Жоокерчилик замандагы элдин чарбачылыгы

Жоокерчилик заманда эл көчмөн болгон. Негизги тиричилиги мал чарбачылыгы болуп, оор жүктү-мүлктү эч кимиси күтүүчү эмес. Эл арасында дайыма, бир жагынан жоо болуп башкаларды чаап турса, экинчи тараптан башкалар келип бүлүк салуучу. Адатта жоо келип калса, эл оор жүктү жүктөп кача алуучу эмес. Андай учурда оор жүк жоонун колунда калып калуучу. Аяктуу малды гана айдай качып куткарып кетүүчү. Ошентип мал чарбачылык басымдуулук кылып, ошого ылайыктуу эл оор жүк урунбаган.

Ат аттан кийин жат

Жоокерчилик замандагы мүлктүн эң кымбаттуусу, кадырлуусу аттын күлүгү болуучу экен. «Жанга өлчөгөн атым эле» деген сөз ошондон. Анткени аты күлүк болсо, качса өлүмдөн кутулуп, кууса жоого жетет эмеспи.

«Эрдин куну, эриштин айыбы» – деп кыздын калыңы бир күлүк менен бүткөн күндөр көп болгон. Ошентип жоокерчилик заманда бир күлүк атты кайсы киши болсо да урунууга аракет кылуучу. «Ат аттан кийин жат», – деген макал ошол замандан калган.

Аты жок киши колго, сыртка аттанып олжо алалбай ээр токумун жазданып мүлксүз калуучу. Айтылуу күлүк дайым кадырлуу болуп элдин көзөмөлүндө болуучу. Ошол себептен күлүк аты бар киши өз атына ээ болуп, башка бир айылдын адамына бере алуучу эмес. Анткени күлүк ат элдики, ошол айылдыкы болуп эсептелген.

Бир айылдан экинчи айылга күлүк жылкы баш алып, баш берүү (кыз берүү) аркылуу өтпөсө башка жол менен өтүүгө мүмкүн эмес болучу. Белгилүү күлүк ат менен баатыр жигит бир айыл элди баккан, олжого кандырган күндөрү жөнүндө эл арасында көп айтылат.

Урууну коргоо тартиби

«Бөлүнгөндү бөрү жейт» деген ошол уруучулук, жоокерчилик замандан калган макал. Элден бөлүнө калган аз айыл болсо, башка бир уруу малын да, башын да (кишисин да) олжолоп кеткен. Башка уруунун колуна түшүп кеткен мал болсун, адам болсун оңойлук менен кайта келип өз элине кошула алуучу эмес. Колго түшүп кеткен эркек, аял, кул, күң болуп жүрүп өмүр өткөргөн. «Кул, күң өлтүрсө кунсуз, сатса пулсуз». Кулду кулданып, күңдү күңдөнүп жүргөн адам кулун, күңүн өлтүрөбү, сатабы өзү билүчү. Ошол себептен ар бир уруу, өз уруусунун кишисин, малын башка уруунун колуна түшүрүп жибербөөнү өзүлөрүнүн алдына негизги милдет кылып коюшкан. Эл көчсө чогуу, консо бирге. Маселен, көл бугусу илгери тыягы Кулжа, быягы Текеске чейин бирге көчүп конуп жүрүшкөн.

Ошол убакта бугу уруусунун ханы Боронбай, бай Муратаалы эл көчөөрдө бүтүн айыл башын, айыл аксакалдарын чакырган. Кайсы күнү, кандай көчүүнүн кеңешин кылып, бүтүн бугу болгон жери бир күнү көчүшкөн. Эл көчсүн деген күнү көчпөй калгандар болуучу эмес. Күндүн жааны да көчпөй калууга себеп боло алуучу эмес. Эл көчөттүн болжолдуу күнү кишиси өлгөн айылга гана көчпөй калууга уруксат кылынуучу. Өлгөн кишибизди көмөлү деп көчпөй элдин артында калган айыл, жоого алдырып жиберүү коркунучу билинген кезде өлүгүн жүктөй качып, эл конгон жерге жетип көмгөн учурлары да болуптур.

Чогуу көчүп, чогуу жүрүү элди жоодон сактоонун негизги бир шарты болсо, урууну жоодон коргоонун дагы бир шарты катары баатырлардын көзөмөлү эсептелүүчү. Адатта уруунун атактуу баатырларынын бир-экөө көч баштап көч алдында болсо, калгандары элдин аркасы болуп, көчтүн аягын иликтеп көчүүчү. Бугу уруусунун күңгөй жаккы четин атактуу Балбай баатыр көзөмөлдөсө, тескей жактагы четин Жанек баатыр, күн чыгыш жактагы четин Өмүр баатыр башкарып, эл ортодо болучу. Элди жоодон коргоо эркектердин милдети деп эсептелген. Атка токтогон ар бир эркек бирден атын дайыма жетелеп откозуп, таптап агытпастан байлап жоого даяр турушчу экен. «Аттан, жоо келди», – деген кабар жетээр менен баары жабыла аттануучу.

Жер пайдалануунун тартиби

Жоокерчилик заманда «Карыш ажыраган карганча көрүшпөйт» дешип жаматташып жашашкан. Бириндеп калган киши жоонун колуна түшүп кетип тууганынан ажыроочу. Ошондуктан жер пайдаланууда байы жардысы аралашып, бирге көчүп, бирге конуп жүрчү.

Бир урууга караштуу жерлерди, уруу өз ичинен урукурук, айыл-айылга бөлүп алуучу. Ал бөлүнгөн жерлер атадан балага кала берүүчү. Жыл мезгилине жараша жер төмөнкүдөй бөлүнүүчү:

  1. Кыштоо.
  2. Жаздоо.
  3. Жайлоо.
  4. Күздөө.

Эл жайлоого, күздөөгө, кыштоого, жаздоочу жерге көчкөндө жогоруда айтылгандай, айыл-айыл чогуу көчүп, бирге турушкан. Жайлоо, кыштоо кайсы айылдыкы экенине карабай жалпы пайдалануучу. Бирок ар кимдин өзүнүн ээлеп алган конушу, үйүнүн журту болуп, эл дайыма өз конушуна, журтуна маанайлачу. Мал жайытын пайдалануу, бөлүштүрүү айылдын баш кишилеринин айтканына жараша болучу. Мурда кыргызда жер айдоо өнүккөн эмес. Маселен, орус келе электе бугу уруусу эгин айдап деле жарытуучу эмес. Эгин эксе үрөнүн калпакка, куржунга ченеп себүүчү. Бар болгону минер атка деп чөп оруп алар эле. Көнүмүш катары чөп чабуу деген болгон эмес. Себеби ар кимдин эгин айдоого, чөп чабууга ылайыктанган жери, аянты болбогон. Жалпы тиричилик, мал багуу тышкы чөйрөнүн шартына жараша өтүүчү. «Жылкыны эр багат, койду кары жок кара жер багат», – деген сөз бар. Анын себеби кой менен уйду алыстан келген ууру уурдай алуучу эмес. Анткени айдап качканда жол арбыта албайт, куугунчуга карматып коёт. Ошондуктан уй менен койго ич арадан ууру тийбесе, тыштан ууру аз болучу. Койлорду тоосу бийик күңгөй жерлерге, кар жаабаган сырт бетине бүлөсү аз, шайдоот кишилер багып кайтарып, кышкысын оторго көчүп келип багуучу. Жылкы тууралуу. Алыстан келген уурунун уурдары эле көбүнчө жылкыны сак кайтарбаса жоосу көп болуп жылкыны алдырып жиберүүчү. Жайдын кара нөшөрүндө, кыштын чилдесинде жигиттин жигити кирпик какпай жылкы кайтарган – «Жылкыны эр багат» деген ошондон.

Укук өзгөчөлүктөрү

Б и й, б и й л и к, э р е ж е

Чыр-чатак, аласа-бересе, доо-дооламайлардын баары бий алдында, бийлердин өкүм, кесимине жараша бүтүүчү. Ар бир бийге келген иштерди бийлер адатка айланган эрежени, салтты колдонуп чечүүчү. к у н

Эреже катары эрдин куну төрт кесим боюнча: асый, бышты, кунан, тай эсебинде белгиленип саны боюнча 300 жылкыга барабар болучу. Ар бир жүз жылкыны: 25и асый, 25и бышты, 25и кунан, 25и тай деп аныкталуучу. Аялдын куну да төрт кесим иретинде 150 жылкыга барабар болучу. а й ы п

Калың алып, кийин кызын бербей койсо жана доолаганда алган калыңын кайтарып бербесе, анда күнөөлү киши «эриш бузган» айыбы үчүн 12 байталды, бир айгыры менен кошо берүүгө милдеттүү болучу.

Көз чыгарса айыптуу киши жарым кун тартуучу (эркек болсо төрт кесим иретинде 150 жылкы, аял үчүн жылкы).

Тиш сындыргандын айыбы, Кулак кескендин айыбы.

Кол сындыргандын айыбы,

Уурдагандын айыбы, – деп кишилер өз кылмышына жараша айыпка жыгылуучу. Бир урук эр өлтүрүп коюп, бийлердин чыгарган өкүмү боюнча  кун төлөбөсө,  башка уруктар чогулуп, биригип келип, кун төлөөдөн баш тарткан урукту чаап, талап, олжолоп кетүүчү.

«Ак сөөк», «Кара сөөк»

Уруунун өз уругунан, өз тукумунан таралгандар өзүлөрүн ак сөөкпүз дешип эсептешкен. Урууга курама болуп кошулган букара айылдардын адамдарын «кара сөөксүңөр» дешүүчү. Коомдук иштердин кайсынысында болсо да «ак сөөктөр» «кара сөөктөрдөн» көбүрөөк болучу.

Б а й, ж а р д ы

Уруу өз ичинен бай, жардыга бөлүнүүчү. Жардылар байларга жалчылыкка жүрүүчү. Уруунун өз тукумунан тарагандар өзүн жогору кармап, намыскөй келип, жалчылыкка көбүнчө курама, букара айылдын кишилери баруучу. Мал багуу, отун алуудан башка жумуш жок болгондуктан жалчылардын эмгек акысы өтө арзан болучу. Байлардын көбү жалчыдан башка кул, күң кармоочу. Көнүмүш катары кулга, күңгө акы төлөөчү эмес. Акы турмак бай кол алдындагыларды сатса, бирөөнө бекер берсе, же өлтүрүп койсо, урса, кыйнаса, кордосо да өзү билүүчү. Мындай акыйкатсыздыкты көрүп турса да эч ким ага кийлигишүүчү эмес.

Байлар да өз ичинен бирин-бири ордолуу бай, кордолуу бай, сасык бай деп коюшчу. Ордолуу бай деп укум-тукумунан бери бай болуп келе жаткандар. Кордолуу бай дегени өлү мүлкү көп, сарамжалдуу байлар. Букара курамалардан чыккан байларды сасык байлар дешүүчү.

Өлгөндөн калган мурас жөнүндө

Бирөө өлсө, ал кишиден калган мал, мүлк анын эркек балдарына таандык болуп калучу. Жесир аял өлгөн кишинин туугандарына тиешелүү болуп, анын жакыныраак дегендердин бирөөнө алып берүүчү.

Балдар жаш болсо, энесин алган тууганын «өгөй ата» кылып карманып, ошол кишинин жакындарынын карамагына өтүүчү. Эгерде жесир аял өлгөн кишинин жакын туугандарынын бирөөнө тийбей, башка бирөөгө кетсе, ал убакта ал аял эринен калган мал-мүлктү жана балдарын ала кетүүгө укугу жок болучу. «Керегенин көзүнөн өтүп» кара башы гана кетүүчү. Жетим балдар, үй, мал-мүлкү менен жакын туугандарынын бирөөндө калуучу. Эс тартып мал-мүлккө ээлик болгуча ошолордун көзөмөлүндө жүрүүчү. Эгерде өлгөн кишинин баласы жок болсо анын малы-мүлкү жакын туугандарына өтүүчү. Өлгөндөн калган малды жакындыктарына жараша, улуусу улуудай, кичүүсү кичүүдөй кылып ылайыктап бөлүп алышуучу.

Ж е с и р д о о ,  ж е т и м  а к ы

Жесир аял башка бирөөгө барып тийип алса, өлгөн кишинин жакындары, кетип калган аялдын төркүндөрүнөн жетим акы доолачу. Анткени аялдын төркүнү, аял экинчи бирөөнө тийгенде да калың алуучу. Эгер тигил кетип калган аялдын төркүнү өз ниети менен доодон кутулбаса, а өлгөн кишинин туугандары:

– Өлгөндөн өлүү, тирүүдөн тирүү ажырадык, эч болбогондо жетим акыбызды бер,– дешип бийге чейин даттанып жүрүп, жетим акы албай тынуучу эмес. Эгерде жесир аял өлгөн кишинин жакын туугандарынын бирөөнө барбай, алысыраак туугандарынын бирөөнө тийип кетсе, анда деле аялдын өз эле башы кетүүчү. Жесирди алган алыс тууганы тиги өлгөн кишинин жакын туугандарына доолуу болуп, тартуу тартып, жесир доосун берүүгө милдеттүү болучу. Жесир тууралуу өз ара мамилелер башка жолдор менен да бүтүүчү. Учурга туура келип, жесир келген айылдан эри өлгөн аял чыгып калса, жесирин алдырып жиберген айылдагылардын бирөө тигилердин жесирин алууга акылуу болучу.

К ө п  к а т ы н  а л у у .

Бир уруу жалпы жонунан бир наамда аталган менен өз ичинен урук-урукка, ата-атага  айыл-айылга бөлүнүүчү. Айыл ичинен түтүнгө бөлүнүп, ар түтүндүн өзүнчө тиричилиги, энчилүү малы, үйү болучу. Албетте, «түтүнү башканын түйшүгү башка» дегендей ар ким өз алдынча тиричилик өткөзүүчү. Кимдин колунда мал жеткелең, болсо, ошол киши кадырлуу, барктуу. Ошондой болгондон кийин ар ким эле бардар, жеткелең болууга аракеттенүүчү. «Мал башка бүтөт, кына ташка бүтөт»,– деп ким бала-бакыралуу болсо мал күтүүгө мүмкүнчүлүгү кеңири болучу. Эгер малдуу болсо, бирок малды баккан бүлөсү болбосо анда малды ууру алуучу, жоо тийип кетүүчү, жутка алдыруучу, бөрү жечү. Ошондуктан ал убакта эл малдан мурун баштуу, бүлөлүү болууга умтулган.

Чынында бүлөсү аз, союл чаба турган кишиси кем айыл эле кемдик, чабалдык кылуучу. Адатта киши көп аял алса, ал аялдар төрөсө, бир түтүн киши бала-бакырасы менен бир короо айыл болуп кетүүчү. «Кыргыз байыса катын алат» – деген макал бекеринен айтылган эмес. Көп катын алуунун максаты, мына ушундан келип чыккан. Экинчиден жоодон түшкөн олжо түтүндүн ар бир кишисине бөлүнгөндүктөн бүлөлүү кишилерге олжо көбүрөөк тийүүчү.

Жакырчылык байланыштар

Үй-бүлөчүлүктөгү жакындык байланыштар төмөнкү лөр: ата-эне, ага-ини, эже-сиңди, карындаш. Келинге – кайын ата, кайын эне, кайын ага, кайын ини, кайын эже, кайын сиңди.

Күйөөсүнүн туугандарынан аялдары бири-бирине абысын. Бир эркектин эки-үч аялы болсо, бири-бирине күнү. Күйөөгө кыз атасы кайын ата, кыз энеси кайын эне. Кыздын агаларынын баары кайын ага, инилери кайын ини, эжелеринин баары кайын эже, сиңдилери балдыз болот. Кыз алуучу жана кыз берүүчү жактын кишилери өз ара бирин-бири эркектери куда, аялдары кудагый, кыздары кудача дешет.

Ө к ү л а т а , ө к ү л э н е

Үйлөнгөндөн кийин кыз тараптан күйөөгө, күйөө тараптан келинге өкүл ата дайындалат. Өкүл атанын аялы келинге өкүл эне, улуу уулу өкүл ага, кичүү балдары өкүл ини, улуу кызы өкүл эже, кичүү кызы өкүл сиңди болуп калат. Өкүл ата, өкүл эненин зарылдыгы төмөнкүлөрдөн келип чыккан болсо керек. Күйөө болуп үйлөнгөн жигит өзүнүн атасынан да, энесинен да уялат. Жаңы келген келин кайната, кайын энесинен бир канчага чейин уялып качат. Ошентип турмуштун жайын биле элек жубайлар акыл-азаат тарбиядан оолак калышы ыктымал. Ошол себептен келинге да, күйөө жигитке да тарбия берип, көзөмөлдөп жүрүш үчүн өкүл ата дайындалат. Башкача айтканда өкүл ата өкүл балдарга экинчи ата-эне болот. Булардын айткан акыл-азаттарын өкүл балдар угууга милдеттүү.

Ж э э н ,  т а я к е

Күйөөгө берген кызынан туулган балдар, кыз берген айылга жээн болушат. Энесинин туугандарынын баары балдарга өз иретинче таяке, тай ата, тай эне, таа жеңе, тай эже ж. б. болот. б а ж а

Бир айылдан, бир кишинин кызын алгандар бирибирине бажа болот. Бажанын балдары бири-бирин бөлө дешет. Аталарын таа жезде, энелерин тай эже дешет.

К и н д и к  а т а,  к и н д и к  э н е

Бала төрөлгөндө киндигин кескен аял балага киндик эне, ал аялдын эри туулган балага киндик ата, улуу кызы болсо киндик эже, эркек баласы киндик аба болуп калат.

Аял аркылуу байланышкан куда, таяке, бажа, жээн, өкүл ата өңдүү илик-жиликтер биринин башына иш түшсө, өз ирети менен кыйынчылыктарды бөлө тартышат. Ар кимиси алына жараша кошумчаларын кошушат, мүмкүн болушунча бири-бирине жакшы санап, жакшы тилекте болууга милдеттүү болушат. Ошондуктан ошол кездеги кыргыздардын баары колдон келишинче куда, дос, тамыр-тааныш, илик-жилик күтүүгө аракет кылышуучу.

Эн, тамга

Тамгалардын кайсы заманда чыкканын, ким ойлоп чыгарганын билген киши жок. Бирок айрымдардын айтымына караганда малга тамга басуу Кокон хандыгы кыргызды багынткан кезде чыккан деп болжолдонот. Кыргыз Кокон хандыгына багынган заманда, Кокон ханы ар бир уруунун бийлерин чакыртып алып аларга бирден тамга берген имиш. Бийлердин бирөөлөрүнө орок тамга, чырак тамга, кайсы бирөөлөрүнө ай тамга, кылыч тамга, кайчы тамга, кыйык тамга ыйгарылган деп айтышат. Биздин оюбузча тамга кыргызда байыртадан бери пайдаланылган.

Бийлер алган тамгаларын алып барып өз уруусунун малдарына бастырат. Ошондон кийин кайсы мал кайсы уруунуку экендигин тамгасына карап билүүчү болгон. Бир урууда бир тамга болуп, ал уруунун ичиндеги урук, айыл-айылдын малын  ажыратууга  кыйындык  кылган.

Ошондуктан ар айылдын, уруктун өзүнчө эни болгон.

Э н д е р төмөнкүдөй салынуучу: Оң кулактын  алдынан оюк, оң кулактын артынан оюк. Сол кулактын алдынан оюк, сол кулактын артынан оюк. Оң кулактын алдынан тилик, оң кулактын артынан тилик. Сол кулактын алдынан кыйык, сол кулактын артынан кыйык. Оң кулактын учунан, ортосунан, түбүнөн оюк, сол кулактын учунан, ортосунан, түбүнөн оюк жана  кулактын  учунан жара тилик. Ошентип ар уруунун ичиндеги айыл, урук-уруктардын малдарынын кулактарына жогорку көргөзүлгөндөй ар түрдүү эндер салынган. Ошол эндер аркылуу кайсы мал кайсы уруктуку, айылдыкы экендигин ажыратып билүүгө мүмкүндүк болгон. Малга тамга салуу жогоруда айтылгандай Кокон хандыгынан калган делип жүрүлөт. Бирок, эн салуу көп замандан бери келе жаткан. Анткени миң кою бар киши коюнун баарын өңүнөн тааный албайт, таанып жетишүүгө да мүмкүн эмес. Ошондой болгондон кийин элдин малына, коюна белги салуусу малды арбын күткөн кыргыз элинде илгертен келе жаткан ыкма деп ойлоймун. Энди кулакка салуу көнүмүшкө айланып кеткен. Анткени кулактын жүнү кыска, кыркылбайт, дайыма көрүнө турган мүчө. Андан малдын көркү да бузулбайт, экинчиден кулакка эн салганда, тилгенде, кескенде андан мал көп ооруксунбайт окшойт. Ошол себептен энди дайым кулакка салып калган болууга тийиш.

Ысым тууралуу

Эмне үчүн кыргызда фамилия болбостон өз атасынын аты фамилия катарында колдонулуп калган? Анын себеби төмөнкүдөй: тааныштыгы жок эки киши кезигише калса, эң алды менен кайсы уруудансың, ал уруктун кайсы айлынансың, ким деген кишинин баласысың, дегенди сурашучу. Палан уруу, паланча уруктагы, палан кишинин баласымын дешип дайынын айтышуучу.

Же болбосо «кимдин баласысың»? – деп сурашат. Жооп берип өз атасын, чоң атасын, ал киши кайсы уруктан кайсы айылдан тараганын, чоң кишилери ким экенин айтып, андан кийин бири-бирин билишүүчү. Илгери кыргызда эл кагазга жазылып, тизме, каттоо жүргүзүлүүчү эмес. Элди каттоо, кагазга тизмелөө орус келгенден кийин башталат. Каттоо, тизме зарылдыгы болбогондон кийин жүргүзүлбөгөндөн кийин фамилия урунуунун да зарылдыгы болгон эмес. Орустар келе баштагандан тартып үч жылда бир жолу каттоо жүргүзүлө баштады, аны «кара кат» болот экен деп коюшуучу. Ошол кара кат жүргүзүлгөн убакта, атаңдын аты, өз атың ким, кайсы старчындан, кайсы элүү башыдансың деп суроочу. Ошентип кара кат жүргүзүлгөн заманда да фамилия урунуунун маселеси коюлган эмес. Каттоодо ар ким атасынын атын айтуу менен чектелүүчү. Фамилия урунуунун кыргыз элине илгери зарылдыгы болбогонунун дагы бир себеби биз мурда айткандай ар бир урук бирге көчүп, бирге конуп, чогуу жүрүшүп биринбири өңүнөн эле таанышуучу. Адатта айылчылап алыска да баруучу эмес, барса бир күнгө, эки күнгө коңшулаш айылдарга гана айылчылап баруучу. Кыз болсун, эркек болсун өзүнүн атасынын атын гана айтып калган.

Ошентип уруучулук заманда эл айыл-айыл болуп бирге жашап, каттоо иши өнүкпөгөндүктөн, азыркы замандагыдай паспорт, күбөлүк кагаздын эч кимге керек болбогондугуна байланыштуу фамилия күтүүнүн зарылчылыгы болгон эмес.

Жыл жана ай аттары

Илгери кыргыз элинде, кат билген киши чанда болбосо дээрлик жокко эсе болучу. Каттап койгон кагазы, сызып койгон жазуусу болбогондон кийин кимдин канча жашка чыкканын, качан туулганын билиш кыйын болгон. Ал гана эмес коом турмушундагы маанилүү кээ бир окуялардын кайсы жылда болгонун жана андан бери канча убакыт өткөнүн да так айта алышкан эмес. Саноо ишинде жылдарга төмөнкүдөй аттарды коюп, ошолор аркылуу кимдин канча жашка чыкканын жана кайсы окуя, кайсы жылда жана ал окуяга нече жыл болгонун билишүүчү.

ж ы л  а т т а р ы

  1. Чычкан (жыл башы)
  2. Уй
  3. Барс (жолборс)
  4. Коён
  5. Улуу (үлүл)
  6. Жылан
  7. Жылкы
  8. Кой
  9. Мечин
  10. Тоок
  11. Ит
  12. Доңуз

м ү ч ө л   ж ы л д а р

12 ден 13 бир мүчөл

24 төн 25  «»

36 дан 37

48 ден 49

60 тан 61

72 ден 73

84 төн 85

« «

А й  а т т а р ы

  1. Жалган куран
  2. Чын куран
  3. Бугу
  4. Кулжа
  5. Теке
  6. Баш оона
  7. Аяк оона
  8. Тогуздун айы
  9. Жетинин айы
  10. Бештин айы
  11. Үчтүн айы
  12. Бирдин айы

Бирдин айында үркөр ай менен айдын бир жаңысында тогошуп «жерге түшөт» имиш.

Диндик адаттар

Ислам дини кыргыз элине качан, кандайча тарагандыгын так айтуу кыйын. Менин оюмча ислам дини кыргызда мындан 400дөн ашык жыл илгери кириши ыктымал. Анткени батыш Сибирь элдерин Көчүм хан ислам динине киргизген экен. Көчүм хандан мурунку кыргыз уругунан болгон Жедигер хан карамагындагы элин 1500-жылдарда христиан динине чокундурмакчы болуп, өзү чокунган экен (Сибирь тарыхына караганда). Батыш Сибирь элдерин ислам динине Көчүм хан багындыра баштагандыгына жана Көчүмдүн хан болгондугу 1500-жылдар экендигине таянып кыргызга ислам дини мындан 400 жыл чамалуу илгери кирген деген жыйынтык чыгарууга болот.

Кандай айтканыбыз менен да түрк элдеринен ислам динине киргендердин эң кийинкиси кыргыздар болсо керек. Аган төмөнкүлөр далил болоор дейм.

  1. Кыргыздардын батыш жагы, артыкча Анжиян, Наманган тарабындагы кыргыздар ислам динине мурунураак кирген болууга тийиш. Улам Күн Чыгыш тарапка жүргөн сайын дин кечирээк кирген сыяктуу. Маселен бугуга караганда сарыбагыш динчилирээк. Шабдан заманында Шабдандын кожосу болгон. Кожо күтүү бугуда болгон эмес. Талас, Чүй, Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Ысык-Көл айланасындагы кыргыздарды түштүктөр аркалык деп коюшат. Аркалыктарда дин түштүк кыргыздарга караганда начар өнүккөн. Мисалы бугу уруусун алганда, алардын ичинде арык тукуму эли кийинки күндөргө чейин ислам динин бутпарастык динине аралаштырып колдонуп келди. Арык тукумунун азыркы карыяларында да арчага аластатуу, мазар таюу, жүгүнүү өңдүү бутпарастыктар жок эмес.

Кыргыздын кимиси болсо да диним ислам дегени менен, ислам дининин адаттарын, анын кандай дин экенин толук биле алышканы аз. Абдан динчил деген киши намаз окуп, орозо кармоочу.

Ошол намаз окугандар деле намаздын эрежелерин да так билүүчү эмес, иши кылып шыкка жөлөгөн болушучу. Анткени намазды үйрөткөн атайы билимдүү молдосу чанда кезигүүчү, болсо да атактуу кишилердикинде гана болучу. Көпчүлүк эл намазды окуп жүргөндөрдөн үйрөнүп, намазга жыгылып ыклас кылган болушчу. Кокон хандыгы убагында кыргыз ичинде дин бир катар өөрчүй баштаганы байкалат. Өлгөндө жаназа окуу, дооран берүү, катын алса нике кыйдыруу, өлгөнгө куран түшүрүү, ошол Кокон хандыгы учуруна туура келет. Кыргыз элинде, артыкча түндүк кыргыздарда ислам дининин жетиштүү тарабагандыгын төмөнкүдөн улам билүүгө болот. Айылдын бир кишиси өлүп, жаназа окууну биле турган кишиси жок өлүк көмүлбөй бир нече күн туруп калган имиш.

Ошондо бир топ соодагер сарт кетип баратканын көрүп калышып, айылдан киши барып бир кишибиз өтүп, жаназа окууну биле турган кишибиз жок, өлүгүбүз көмүлбөй жатат, жаназа окуп бергиле деген экен. Анда соодагерлер:

  • Жаназа окуй турган молдобуз жок, – дешет.

Анда:

  • Силер кызыл чепкен кийип сарт болгонду билесиңер да, жаназа окуганды эмне үчүн билбейсиңер? – деп өлүгүн көмө албай күйүттүү болуп турган кыргыздар тигил соодагерлерди сабаган дешет. Албетте бул ылакап, бирок ылакап болсо да өз заманы үчүн абыдан мүнөздүү. Айтылган ылакап ошол кездеги бир кур кыргыздардын өлгөн кишиге жаназа окуу шарият боюнча милдеттүү иш экенин билгендигин айгинелейт.

Экинчиден, арасында жаназа окуй турган кишинин жоктугун, ошондой  эле өзбек  болсо баары эле молдо болуш керек деген түшүнүктө экендигин мүнөздөйт. Карагайдын келдеси, Мен кудайдын пендеси, деп жыгылып, туруп намаз окудум дегендер да көп болгон экен. Кийинки күндөргө чейин ислам дини элдин калың, катмарына кеңири тарай алган эмес.

Бирок, ислам дини кандай дин экендигин, анын эрежелерин толук өздөштүрө албаса да дин атынан сүйлөгөн, ислам дини үчүн жаныбызды аябайбыз деген сокур жана өсөр динчилдер кыргыздардын арасында көп эле болгон. Эл арасында орозо айы бүткөндө орозо айт, курман айт, болгондо курман айт кылып келген.

Өлүк өлгөндөгү диндик адаттар жана элдик салттар

Киши жаны кыйналып, үзүлүп бара жатканда ыйман айттырат. Ыйманды молдо айтат. Өлгөн кишинин эти сууганча тийбейт. Эти суугандан кийин жерге алып коёт да, катындары кошок кошуп, эркектери өкүрүп сала берет. Өкүрүк угулгандан кийин айланадагы айылдын аялдары кошок кошуп, эркектери өкүрүп келе баштайт. Өлүктү көмүү жана келген элди коноктоо өлүк өлгөн айылдын жалпы милдети деп эсептелет. Өлгөн кишинин малынан мал союлат. Чай, нанды алы келгенинче аянбастан келген элге берет.

Өлүм бардын малын чачат,

Жоктун абийирин ачат, – дешүүчү;

Өлгөн киши малдуу, бардар болсо малын чачып, өлүк өлгөндөгү элдик салттардын, диндик адаттардын баары иштелүүчү. Эгерде өлгөн киши жарды болсо элдик салттар, диндик адаттар толук орундалбай, же өлүк өлгөн үй өтө кыйналуучу.

С ө ө к  ж у у д у р у у

Сөөк жуудуруш үчүн өлгөн кишинин куда-сөөктөрүнөн, кызынын, уулунун кайындарынан, дос-тамырларынан, алысыраак туугандарынан кылып 9 же 11 кишиге чейин киргизет. Эң аксакалы башын жууйт, андан кийинкилери өз ирети менен улам төмөн жактарын жууйт. Сөөк жуугандар өлгөн кишинин кийимин бөлүп алышат. Ошондуктан буюм-тайым алсамбы деп нээттешип жүргөн, бирок сөөк жууга кирбей калган куда-сөөк, дос-тамырлары, алысыраак туугандары «сөөгүн жуудурбады» дешип таарынган учурлары да болот. Эгерде өлгөн киши аял болсо, анын сөөгүн кудагый, илик-жиликтеринин аялдары жууйт, сөөк жууга киргендер да сакалдуулашып өлгөн аялдын кийимин бөлүп алышат.

М ү ч ө  б е р ү ү

Киши өлүптүр деген кабар угулса, уккан жердеги кишилердин баары эле келүүчү. Келгендер өлгөн жерден олжо-мүчө алуучу. Кишиси өлгөн айыл, келген элди урук-урукка, айыл-айылга бөлүп мүчө берүүчү. Тийген мүчөнү эл өз ара олжолоп бөлүп кетүүчү. Өлгөн киши бардар болсо, мүчөнү көбүрөөк, жарды болсо өз алына жараша берүчү.

Ж ы р т ы ш  б е р ү ү

Эркек өлсө барган аялдарга эчтеме берилүүчү эмес, Эгерде өлгөн киши аял болсо, анын эри бардар болсо, эркектерге мүчө, аялдарга жыртыш берүчү. Жыртышка жыртып, бөлүп алгандай кездеме, учук жибек, жип сапталгандай ийне, шакек коюлучу. Аялдар жыртышка тийип, олжону талап бөлүп алышчу.

Д о о р а н

Дооран берүү элдик салт эмес, диндик адат. Доорандын максаты өлгөн кишини «күнөөсүнөн куткаруу». Доорандын акысын молдолор алуучу. Дооран өткөрүүнүн тартиби. Өлүктү кепиндеп алып жөнөөгө даярдагандан кийин чогулган молдолор өлүк жаткан үйгө барышчу. Алар өлүктү коюп кырка тартып отурушат. Бирөөнө дооран өткөрүү табышталат. Адатта мурдатан дооранга колунда бары бардай, жогу жоктой кылып мал, дан багыштап коёт. Дооран башталарда атайы дооранга багышталган малдын чылбырынын учу дооран өткөрүүгө дайындалган молдонун колунда болот. Ал молдо өлгөн киши «балакатка» киргенден берки жашынын эсебин тактайт. Маселен өлгөн киши 60 жашка чыккан болсо, 12 жашын алып таштап калган 48 жашына дооран өткөрөт. Дооран өткөргөн молдо ушу, кишинин 48 жаш ичинде кылган күнөөлөрүн көтөрүп алдыңбы? – деп отурган молдолорго, улам кыдыртып дооранга байланган малдын чылбырынын учун сунат. Дооран алууга отурган молдолор – «Өлгөн кишинин күнөөсүн көтөрүп алдык» – дешип дооранга байланган малды, койгон эгин, акчаны бөлүп алышат. Бет тытуу, кара кийүү, аза күтүү, тасма курчануу

Каза болгон киши эркек болсо, анын аялы жана жакын аялдар беттерин  тытышат.  Өлгөн кишинин аялы чачын жазып, башына кара салучу.  Ашын бергиче дайыма тескери карап, аза күтүп отурат. Күнүнө үч маал кошок кошот. Кээ бирөө эринин  аркасынан өлүш үчүн белине ичке тилинген кайыштан жасалган тасма байланчу. Адатта аял эч кимге билгизбей чылгый кайыштан тилинген тасманы жалаң этине курчанып алып күнүгө жылдырып бекитип коё берет.

Тасма бара-бара белин кыйып ошондон зыян тарткандар да болуптур.

Чың-чың жаман чың жаман, Чыңырып чыккан үн жаман. Табактай бетке так жаман, Тасмадай белге кур жаман, –

деп далай аялдар эри өлгөндө бетин тытып, эрине күйбөй койду деп эл жаманатты кылбасын деп белине тасма байлап, күнүнө үч маал кошок кошуп, какшанып ыйлап кыйналган экен, өлгөндөрү да болуптур.

А ш  б е р ү ү

Шарт боюнча  өлгөнүнө 6 ай болгондон кийин чоң ашын берүүгө руксат. Андан башка майда аштар да болот. Кишинин өлгөнүнө үч күн болгондон кийин үчүлүгүн, 7 күндөн кийин жетилигин, 40 күндөн кийин кыркын берет. Кыркын бергенде молдолорду жыйып куран түшүрүүчү. Молдолорго куран түшүрүү акыларын тапшырып, андан тышкары ат да токуп берүүчү. Өлгөн кишинин жакшы аты болсо, ошол атка өлгөн кишинин ээр токумун токуп, жайнамазын бөктөрүп, чынысын кабына салып, канжыгасына байлап, канжыгасын ээрдин кашына кыстарып куран түшүргөн молдолордун бирөөнө албетте чоңураак, атактуурак молдосуна берүүчү. Жогоруда айтылгандай алты айдан кийин чоң ашын – акыркы ашын берет. Аш берилээрде өлгөн кишинин бүтүн куда-сөөгүнө, дос-тамырларына кабар берилет,

Куда-сөөгүнүн, дос-тамырларынын кай бирөө кабар албай калса катуу таарынуучу, айрымдары ашына чакыртпады дешип нараздашып, ажырашып, кол үзүшүп да кетүүчү.

Милдеттүү конок жана кошумча

Өлүк ашы байга байдай, жардыга жардыдай берилүүчү. Эгерде өлгөн адам атактуу бай киши болсо, өлүк салттарына чыккан чыгымдын баары ошол өлүк өлгөн айылдагылардын милдети деп эсептелүүчү. Өлгөндөгү конок ашы: өлгөн кишиге өкүрүп келген кишилерге союлган мал, берилген чай жана башка каражаттарды өлүк өлгөн айыл бай, жарды дебестен түтүнгө бөлүп алуучу. Эгерде өлгөн киши жарды, катардагы кишинин бири болсо, өлүк салттарын өтөөдөгү бүтүн каражаттар өлгөн кишинин өзүнөн чыгуучу. Куда-сөөк, дос-тамырлары, жакын туугандары азын оолак кошумча кошуучу. Ашын бере турган киши атактуу бай болсо аган бериле турган ашта ошондой даңазалуу болуп өткөрүлүүчү. Ашка 5-6 ай мурда камынышчу. Ашты башкаруучу кишилер айылдын баш кишилерин чакырып аш берүү кеңешин кылуучу. Андан соң аш бериш үчүн түтүнгө бай-жарды дебестен ашка кете турган чыгымдар: Байгеге сайыла турган мал, акча, өлүү дүйнө жана башкалар белгиленип тийиштүү кишилерге бөлүнүүчү. Ар ким өзүнө милдеттүү конокторду күтүү үчүн, конокко союла турган мал, чай-чамегин белендечү. Милдеттүү коноктун салгы төмөнкүдөй болучу.

Кайсы айыл милдеттүү конок алып аш берсе, келген коноктор ошол айылдын түтүнүнө бөлүнөт.

Милдеттүү коноктор канча тамак жейбиз десе, үй ээси ошону орундоого милдеттүү.

Эгерде милдеттүү коноктор кыйкым таап конгон үйүндөгүлөрдү уруп, сабап койсо да үй ээси макул боло берүүгө тийиш, кол кайтарууга, каяша айтууга укук берилбеген.

Милдеттүү конок алып аш берген айыл өзүнөн чыккан чыгымы үчүн эч кимден эчтеме ала албайт. Кай бир учурда милдеттүү конокко келгендер шылтоо таап, бирдеме өндүрүп алып кетүүгө да аракеттенишкен. Арык тукуму элинин бир Быйтыман деген болуш болуп жүргөн кишиси өлүп аш бергенде келген шапак эли бизди конокко эрте бөлүп албайт деп таарынган бойдон аш берген айылдын жылкысын тийип кеткен.

Милдеттүү конок күткөн үйдө чоң аштарда ар кандай тентектик, бейбаштыктар көп болучу. Конгон үйүндөгү кишинин тамагынан кыйкым таап, үй ээсин кызыл ала кылып сабагандар да көп болгон. Айылда милдеттүү конок күтүп таяк жеп калгандар, тигил айыл кезеги келип милдеттүү конок алып аш бергенде, атайы мурда сабаган кишини иликтеп ошонукуна милдеттүү конок болуп барып бирдемкесинен кыйкым таап аларды да сабап өч, кек алышчу. Ошентип милдеттүү кококтун аягы көп убактарда бир урук менен экинчи урукту кектүү, өчөгүштүү кылуу менен бүтүүчү.

Жесир калган каралуу катын

Аш берилип эл тарагандан кийин, эри өлүп кара кийип тескери карап аза күтүп отурган каралуу катынды аялдар аш бышырган кемегенин жанына алып келишип, башындагы карасын кемегедеги отко өрттөп:

  • Эриңдин топурагы торко, жаткан жери жайлуу, арты, кийини майлуу болсун, – дешип кемегеге май куюп, ырым-жырымдарын кылып туруп, каралуу катындын эри өлгөндө жазылган чачын аркасына эки бөлүп өрүп, анан кийин ак элечек орошот да:
  • Мындан кийин ак элечек башыңан түшпөсүн дешип,– аялга бата беришет. Ошондон тартып каралуу аялдын башынан карасы түшөт. Эшикке кирип  чыгып мурдагы калыбына келе баштайт. Кээ бир каралуу катындар өлгөн эринин ашын берип, карасын түшүрөөрдө да бетин тытып алуучу экен. Албетте, мындай кылуудагы максат: өлгөн эрине катуу күйүндү, эң акыры карасы түшөөрдө да тытынды деген сөз калтыруу. Аш тарап каралуу катындын башындагы карасы алынгандан кийин аял эрге тийүүгө, өлгөн кишинин жакын туугандарынын бирөөнө ал катынды алууга жол ачат. Кээ бир каралуу аялдарды эринин ашы-жытын берип бүтөөр менен эле өлгөн кишинин жакындарынын бирөөнө нике кыя коюшуучу экен. Жесир  калган катынды тий деген киши ылайыктуубу, ылайыксызбы, анысына карабай «керегени басып көктөгөндөй» баса көктөп, башын ачып коюшчу. Маселен, кырк, отуздагы жесир катынды өлгөн кишинин туугандарынын 10–12 жашар балдарына деле нике кыя коюшучу. Кээде эри өлгөн жаш келинди 60–70теги абышкаларга да алып беришүүчү.

К о ш у м ч а  с е л б и к

Кишиси өлүп аш берсе, же келин алып, калың төлөп каржалса же болбосо той берип, чыгымдар болсо, же доо тартып айып төлөсө, андай кишилер куда-сөөгүнөн, достамырынан, тууган-туушкандарынан кошумча сурачу. Алардын кошкон кошумчалары селбик болуп калучу. Андай өз убагында кошумча селбик алган кишилер, кошумча кошкон кишилерге кийин зарыл болуп калган учурда, жооп иретинде кошумча кошучу. Ич ара жардамдашуу, башка күч келип калганда селбик берип, кошумча кошуу илгертеден келаткан салт катары эсептелген. Кыйынчылык болгондо, артыкча куда-сөөк көбүрөөк кайрылышкан. Ошол себептен эл арасында башка иш түшкөндө «дос айрылат, сөөк кайрылат» деген макал калган.

К у д а ,  к у д а л а ш у у

«Куда болгуча кулу бийиң сураш,

Кудалашкандан кийин кул да болсо сыйлаш».

«Тең теңи менен, тезек кабы менен» деген макал кудалашуучулар ортосунда көбүрөөк айтылган. Ар ким өзү теңдүү кишилерге кудалашчу. «Чок атанын» балдары букара, курама айылга кыз берүүнү намыс көрүшкөн. Бир урук эл жети ата өтүшмөйүнчө кыз алышчу эмес. Жети ата өткөндө алышчу.

Ж у у ч у  ж и б е р ү ү

Бирөөнүн кызына куда түшкүсү келсе, өзүнүн айлындагы тили жатык, абийир-ажары бар деген кишилерден үчөө-төртөөн жуучулукка жиберүүчү. Үй ээси жуучуга келгендерди колунда болсо коюн союп, колунда кою жок болсо бар тамагын берип, кызын берүүгө макулдугун же макул эместигин айтып узатуучу экен.

К у д а  т ү ш ү ү

Жуучулар барган жер кызын берүүгө макул болсо, жуучу жиберген киши малын айдап куда түшүүгө барат. Адатта кудалашуучулар бири-бирине ишенишсе калың бычылбайт. Күнөм санаган учурда жуучулар биринчи барганда эле ала турган калыңды быча, сүйлөшө кетүүчү. Куда тушүүгө барганда айдап бараткан малдардын ичиндеги көзгө токтомдуу бир малына кебез байлап коёт. Нарк боюнча куда түшкөндө тогуз кара айдап барат, кээ бир байлар отуз, кырктан жылкы айдап барып куда түшүүчү.

К и й и т  к и й г и з ү ү

Куда түшүүгө барганда, ошол айылдагылардын аксакал-көксакалдары жыйырма-отуздап чогулуп барат. Куда түшкөн жер мал союп, келгендерди коноктоп, тамактан кийин кыз атасы келген кудаларга кийим кийгизет. Албетте кийит кийгизүү да ар кимдин алына жараша болот. Кийим кийгенден кийин кыз алуучу киши ордунан туруп кулдук урат.

  • Кулдугум бар, кудам, – деп куда түшүүгө келген киши эки колун бооруна алып, кулдук урат.
  • Кулдугун кудайга, – дейт кыз атасы. Ошону менен кудалашуу кулдук уруу ырымы менен бүтөт.

К ү й ө ө  к е л ү ү

Кудалашкандан кийин кыз алуучу куда ирети менен калыңын төлөй берет. Ыгы келген кезде бир малын жетелеп, күйөө өзүнүн жакын жолдошун ээрчитип кайындап барат. Күйөө кайынына бара жатып, айылга жакын жердеги бир кабака барып түшүп калат. Күйөөнүн келип кабакта калганын кабар кылып күйөө жолдош айылга барат. Күйөө келди кабары угулганда, күйөөгө барабыз дешип айылдын кыз-келиндери кабакта турган күйөөнү тозо чыгат. Келин-кыздар күйөөнү ээрчитип кыздын жакын ага-инилеринин бирөөнүн үйүнө алып келип киргизет.

Ж е ң к е т а й

«Кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт», – деп кыздын жеңелери, айылдын келиндери келип күйөөдөн жекетайын доолайт. Күйөө салт боюнча чөк түшүп, адеп сактап тынч отурат. Жеңкетайын доолагандар менен күйөө жолдош сүйлөшүп тайын береби же коюн береби айтор бирдеме берип келиндерди ыраазы кылгандан кийин, айыл-айылдын кыз-келиндери:

– Күйөө келди оюнга келгиле, – деп кабар салат. Күйөө келген жакка белдеги кыз-келиндер келишет.

Ж ү з  к ө р ү ш т ү р ө ө р ү

Балдар, келиндер жыйылып келгенден күйөөнүн колуктусун алып келебиз, жүз көрүштүрөөрүн бергиле,– деп кыздын жеңелери жүз көрүштүрөөр акысын алгандан кийин, күйөөгө колукту болучу кызды алып келишет.

О ю н  с а л у у

Күйөөнүн колуктусун алып келгенден кийин оюн башталат. Оюнду кыздын кадырман жеңелеринин чыйраксынып жүргөн бирөө баштайт. Оюн башы келин, суу жоолуктан эшип токмок жасайт. Токмогу эшилип белен болгондон кийин күйөө жолдошко барып:

– Кана күйөө жолдош, шайтан мойнун сындыралы, – дейт. Күйөө жолдош эңкейе берет, оюн баштоочу келин эшип алган токмогу менен күйөө жолдошту тогуз чабат да, токмокту анын колуна берет. Күйөө жолдош ырдап, күйөө-кызды айкалыштырат. Аны жар көрүштүрүү деп коёт. Оюнга келген кыз-келиндер бир тарап, уландары бир тарап болуп отурат. Кыз-келиндер кыдыртып бир баштан уландарга токмок таштайт. Кыз-келиндер токмок таштаганда өзүлөрү каалаган жигиттерине таштайт. Уландар ырдап берип токмок таштаган кыз, келиндер менен айкалыша берет.

Кыз оюнунда, ырдагандан башка да элдин каалашы боюнча ар түрдүү оюндар ойнолот.

К о ю н г а  с а л ар

Оюн тарагандан кийин колукту кыздын жеңелери эшик ачар, коюнга салар, төшөк ачар дегендерин алып, колукту кызды күйөөнүн коюнуна жаткырат. Ошону менен күйөөнүн кайындарына келип-кетип жүрүүгө жолу ачылып калат. Күйөө кайындарын, ачык, жазганбай аралап жүрбөсө да, келип-кетип жүрө берүүгө мүмкүнчүлүк алат, бирок кайын ата, кайын энелерине көрүнбөйт, алардан качат.

Ж о о п   с у р о о

Кыз алуучу куда, келиндин калыңы аяктап калды го деген кезде жоон жилик, көзгө токтомдуу бир малын жетелеп алып, жыгач түшүрүүгө жооп сурап барат. Кээ бир куда, бычылган калыңын алып бүткөндөн кийин деле дагы кошумча мал сураган учурлары болот.

Ж ы г а ч   т ү ш ү р ү ү

Кыз атасынан жооп алгандан кийин келин алуучу куда жыгач түшүрүүгө камынат. Боорсок жасайт, мал союп, эт бышырып капка тигип, төөгө жүктөп кыз берүүчү жерге алып барышат.

К у р ж у н  с ө г ү ү

  • Жыгач түштү, той жегиле! – деп кыз атасы айланасындагы айылга кабар берет. Тойго келген аялдар сакалдуулашып куржун сөгөт. Куржун сөккөндө кур эле сөгө бербестен, сөккөн кабынын, куржунунун оозуна жоолук-кече байлайт. Анан куржун сөккөн аял каптан же куржундан өзүнө табакка эт-боорсоктон салып алып, чыга берет. Тойго келгендер той тамагын талаша-тартыша талап жеп, тарап кетишет.

Т ү н д ү к   к ө т ө р ү ү

Жыгач түшкөндөн кийин, кыз атасы кызынын керекжарагын камдоого киришет. Албетте ар ким алына жараша камылга көрөт. Камылга бүттү го деген кезде, той баштап түндүк көтөрүүгө улуксат берилет. Жыгач түшүрүп баргандан кийин куда-кудагый, келинин алмайынча кудасыныкында жата берет. Кыз берүүчү куда:

  • Түндүгүңдү көтөр, коюңду сой, – деген жоопту кылгандан кийин, кызды алуучу, тойго деген малын союп, этин бышырып, кыз берүүчүнүн колуна салып берип чыга берет. Кыз берүүчү тойдун эти бышып, даяр болгондон кийин айлындагыларга:
  • Той жегиле, – деп чакырып той этин тартат.

Ж ы л к ы ч ы л ы к

Түндүк көтөрүп, тай сойгону жатканда жылкычылар келип, «жылкычылыгыбызды бер» деген доону кылат. Эгер жылкычыларды ыраазы кылбаса, кыз алуучунун тойго сойгону белендеп турган малын жетелеп кетип калат. Кыз алуучу жак жылкычылардын жылкычылыгын берип, ыраазы кылыш керек.

К ы з   о й н о т о р у

Түндүк көтөрүлгөндө, кыз атасынын жакындарынан бирөө кыз алуучудан кыз ойноторун талап кылат. Эгер кыз алуучу анын талабын орундабаса, түндүк көтөрүлбөй калат. Кыз алуучу кыз ойноторун да бериш керек. Кыз ойнотор алган киши кызды үйүнө алып барып, оюн куруп берет.

Т ө ш ө к  т а л а ш у у

Түндүк көтөрүлөрдө кыз берүүчү айылдын аялдары кыз алуучудан «төшөк талашуу» жолун кылууну талап кылышат. Эгерде кыз алуучу төшөк талашуу жолун кылбаса, аялдар төшөк талашуу ырымын аткарууну талап кылышат. Төшөк талашуу тартиби. Бир нече арканды каттап эшет. Аркандын бир учун жардын алдына алып барып бир жерден чыгарып, ал учун жаргылчактын тешигинен өткөрүп тээктеп бекитет. Аркандын бир учун кыз алуучу кудалардын колуна берет (төшөк талашуу жолун кылбагандык үчүн). Кыз алуучу кудалар арканды тартып үзүп кетсе эчтеме бербей кутулат. Эгерде, үзө албаса арканды үзгүчө тарткылай берет, арканды үздүрбөстөн аракетин кылып, кыз берүүчү айылдын аялдары аркан тартып үзгөнү жүргөн эркектерди ун, талканга күлдү аралаштырып бетке ургулай беришет. Эгерде үзө албаса төшөк талашуу жолун кылууга тийиш. Төшөк талашуунун жолу бардар кишилер үчүн бир асый ат болууга тийиш.

К ү й ө ө-к ы з д ы   ж а р ы ш т ы р у у

Түндүк көтөрүлгөндө, күйөө-кызга бир улакты садага чабат. Садага чапкан жерден күйөө менен кызды тигилген үйдү көздөй жарыштырат. Үйгө кимиси мурун жетсе мөөрөй ошонуку болот. Күйөө-кызды жарыштырганда экөөнү эле коё бербейт. Кыз жактагылар кызды, күйөө жактагылар күйөөнү сүрөйт.

Т о л г о о  т а б а к

Ала турган калыңын алып, түндүгүн көтөрүп, башка ырым-жырымдары бүткөндө кыз атасы кызын аткарбай туруп алат. Ошол убакта кыз алуучу жак кыз атасына «толгоо табак» тартууга тийиш. Бардар киши болсо «каптын кагынчыгы, карындын жугу» ушу экен деп, бир табак этти жасап, бир ат жетелеп барат.

Ж ү к  к ө р г ө з ү ү

Кыз алуучу жак өзүнүн милдетин, ырым-жырымдарын бүткөндөн кийин түндүк көтөрүлөт. Той аяктап бүткөндөн кийин, милдет кыз берүүчү жакта болуп калат. Кыз атасы кызына бере турган себин жыйдырат. Тойго келгендер:

– Жүк көрөбүз, – дешип жыйылган жүктү жана башка кызга даярдаган себин көрүшөт. Эгерде кыз атасы калыңды көп алып, бере турган себин аз камдаса, аны сынга алышкан. Отурган ырчылар жамандап ырдап ийген учурлары да болгон.

К ы з  к ы ң ш ы л а т у у

Кызды аткарарда кызды чүмкөп коюп кыңшылатат.

Кыздын энеси, жакын жеңелери кошок кошуп узатат.

К и й и т  к и й г и з ү ү

Кызын узатарда кыз атасы кыз алуучу кудасына, кудагый, күйөөсүнө кийит кийгизет. Албетте, ар ким алына жараша.

К ы з д ы н  к ы з  б е л г и с и

Илгери кыздын кыз белгиси аманбы, жокпу ал тууралуу күйөө түндүк көтөрүлгөн күнү жеңелерине кабар кылуучу экен. Кыздын кыз белгиси болсо, келиндер кыздын ата-энесинен сүйүнчү алуучу экен. Эгер кыз белгиси жок болсо, кээ бир күйөөлөр кызды албай да кетип калган учурлар болуптур. Кээ бир кыз аталары күйөө тарапка тартуу тартып кутулууга мажбур болгон.

К е л и н  к е л г е н д е

Келин келе жатканда үйдөгүлөр тозо чыгып, чачыла чачышат. Эгерде келин атасы атайы үй жасап бербеген болсо, кайнатасынын үйүнүн жанына алачык жасалып, ошого киргизүүчү экен.

О т к о  к и р г и з ү ү

Жаңы келген келинди кайын атасынын үйүнө киргизгенди отко киргизүү дейт. Отко киргизгенде мал союлуп, той берилет. Кечинде келин-кыздар чогулуп жаңы келиндин бетине «бүркөнчүк» илип кайын атасынын үйүнө жүгүнтүп киргизет. «Бүркүнчөк» алам деп эшиктин алдында камынып тургандардын бирөө келиндин бетин далдалаган «бүркөнчүгүн» жулуп алат, жаңы келин босогодон коломтого чейин жүгүнүп барып анан көшөгөнүн ичине кирип отурат. Жаңы келинди отко киргизген күнү нике кыят.

К е л и н д и н  м и л д е т и

Жаңы келген келиндин алдына төмөнкүдөй милдеттер коюлучу:

Келген айлындагылардын баарын тергөө. Сегизбай деген киши болсо – Жетиден артык акемдики, Кангелди болсо – Сол жетти, Койлуубай болсо – Марка, Кийизбай болсо – Курумшу деп тергей берет.

Келген айылдагы күйөөсүнөн улуу кишилердин баарына жүгүнүү.

Кайнагаларынын баарынан качуу. Эрте туруп, айылдын түндүгүн тартуу. Айылдагылардын  кимиси  жумшаса,  баш тартпай тил алуу.

Табыпчылык

Б а к ш ы

Кара жиндүү бакшылар жинди болгон жана талмалуу, же «илешкени» бар кишилерди көрүүчү. Адатта бакшылар оорулуу кишилерди көргөндө жиндерин чакырып, чарк уруп көрөт. Бака-шака түшөт. Чымындарын чакырып, өткөн олуя-машаяктардын атын атап, жер, суудагы мазарлардын аттарын айтып кыйкырат. Отту чоң жактырып коюп, оттон секирип, оорулуу кишиден аттап, аны какыскокус кылып ургулап, отко орокту салып, кыпкызыл болуп кызарганда тили менен чыркыратып жалайт. Эки кишиге өзүнүн эки колун эки жакка кердирип тарттырып туруп, эки далынын ортосуна жаргылчактын ташы менен өзүн койгулаттырат. Айтор өкүрүп, бакырып үйлөрдү, кепелерди тегерене жүгүрүп, короодогу малдардын үстүнөн секирип, алдыларынан өтө качып, жинди болгондордун жинин, талмалуу болгондордун талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалачу.

Д у б а н а

Дубана да чарк уручу, бирок бакшычылап жин, чымынын чакыруучу эмес, Көнүмүш катары ал кудайга, пайгамбарга сыйынат, аят окуйт, келме айтат.

Дубана чарк урганда, көбүнчө айылдын эркектерин жыйып алып, баарысына даарат алдырып, оору жаткан үйгө чогуу отургузуп алып, иллалла айттыруучу. Өзү да бирдемелерди айтып, чарк уручу. Б ү б ү

Аялдардан чыккан бакшы, дубаналарды бүбү дешчү. Бүбүлөрдүн табыпкерлиги деле бакшы, дубаналардыкындай. Ооруну чарк уруп көрөт.

Т а м ы р ч ы

Эң башкысы тумоологон, ооруган кишини тамырчынын айтымы боюнча багып, тамырчынын айтымы боюнча тамак берүүчү.

Тамырчылар билектен тамыр кармап: Ысыгы бар экен, – деп суу ичирүүчү, же сууктап калыптыр деп күчтүү тамак берүүчү. Тамырчылардын айтышы боюнча бир ай, эки ай жалаң суу ичип жата берген оорулар көп болучу. Суу ичкен кезде ысыктап калат деп ооруга бир чымчым дан, бир тиштем эт да, ууртам сорпо да берүүчү эмес. Тамырчылар, кабыргасынан сезгенген келте жана ошол өңдүү оорулар менен ооруган кишилерди он, он беш күн жалаң суудан башка тамак бербей, арыктатып жилигин үзүп туруп, анан ашка аралаштыруучу. Алды менен оору кишиге бир нече күнү чаныт жарма, анан кийин бир нече күнү коймолжун жарма берип, акырындап сүлө сабахтап отуруп ашка аралаштырып, тамакты бир нече күнү ылгап ичирүүчү.

Т е р и г е  а л у у

Табыптар же  жөн эле тажрыйбалуу  кишилер кээ бир ооруларды көрүп:

  • Сууктап суугу ашынып кеткен экен деп, бардар киши болсо тай сойдуруп, тайдын терисин сыйыраары менен оору кишини териге ороп таштайт. Колунда жогураак болсо койдун терисине алат да,  тамакты күчтүүлөп берет.  Мындайча  дарылоону  териге алуу деп коюшат. У ч у к т о о

Бир жери ооруй калган киши болсо:

  • Учуктап жибергиле,– дешип  калышуучу.  Мындайча учуктайт: эки же  үч кычкачты, кычкач болбосо орокту отко салып кызартат. Ооруп калган кишини жылаңач босогого отургузуп коюп, кызарган темирди ооруган кишиге жакын кармап, кызыган темир аркылуу муздак сууну оору кишиге шаркырата, шуулдата бүркөт. Кызарган темир сууп, оору киши калчылдап титирей баштаганында, төшөккө жылуулап жаткырып коёт. Муну учуктады деп коюшат.

Д а р ы м ч ы

Дарымчы жараларды дарымдайт. Адегенде жараны байлап, жаратты катуу оорутуп, кишини өкүртөт. Дубалап бүтүп, жараны кайра чечет. Дарымчылар эгер жылкы курт болсо муну да дарымдоочу. Жылан, кара курт чакса, тилме, оозул болсо, тиш ооруса аларды да дарылоочу. Дарымчылардын колдонгон ыкмаларынын көбү кишилерге түшүнүксүз болучу.

Чопо, чопо, чопо дарым

Чопо дарыма ширин дарым, — деп бирдемелерди айтып, күбүрөп, шыбырап, муздак суу менен шуулдатып бүркө берүүчү. Илгери бир дарымчы жылан чаккан кишини дарымдап чаккан жыланды дубалап келтирип, аны менен арбашкан дечү. Ошондо жылан тикесинен туруп киши менен арбаша берип, жеңилгенден кийин жыгылып өлүп калыптыр дегенди да айтышчу эле. Кыргыздар дарымчыны кыйын кадырлашуучу, аган ишенүүчү.

Т и л м е

Тилме көбүнчө бетке, мурунга чыгат көрүнөт. Дарымчылар тилмени устаранын учу же болбосо наштар менен чегип, кичине-кичине шүүшүн чыгарып, анан шакар сыйпап, дарымдап коюшчу. Дарымынын касиетиби же чеккен устара, наштарыныкыбы, же шакарыныкыбы анысын ким билсин, оорулар ырбабай эле, айыгып кетүүчү эле.

К а й р ы ч у

Кайрычу деген жара көбүнчө колдордун баш жагына чыга турган жара окшойт.

– Кайрычу турбайбы, -дешип, шибегени отко абыдан кызартып алып, оорусуна чыдабай боздоп жаткан кишинин жарасын сайып кайрыганда боздоп жаткан кишилердин жаны сеп алып, тынчып, ошону менен эле айыгып кеткенин көрөр элек.

К а н ч ы

Табыптардын кээ бирөө канчылык кылат. Канчылар кишинин ооруган жеринен кан алат. Канды наштар, уйдун мүйүзүнөн жасалган кортык менен алат. Андай кишилерди канчы дешет. Канчылары азыркынын киши сойгуч догдуруна мүнөздүү экелер болууга тийиш. Канчы кишилердин колу эптүү келин, кээ бир туюк жараларды да тилип айыктырып жиберүүчү.

Ошентип жыйынтыктап айтканда, илгери кыргызда бакшы, бүбү, дубана дегендер болучу экен. Аларды касиеттүү чымыны, жолдошу бар кишилер деп койчу. Кандай айыктырат дегенде, алар илээшкен дарты бар кишилерди көргөндө касиеттерин, чымындарын чакырып алып ошолор аркылуу илээшкен дартты кубалатып чыгат деп түшүндүрүүчү. Табыптарды болсо чымыны деле жок, бирок оорунун жайын билген тажрыйбалуу кишилер  катары эсептөөчү. Адатта табыптарга тамырчы, канчылар кирүүчү. Дарымчыларды – сыйкырчы, суубакеч деп атоочу.

Орус келүү менен болгон өзгөрүүлөр

Тяншандык кыргыз элинен эң алды менен оруска бугу уруусу багынган экен. Мунун бир топ себептери бардай. Кокон бийлигинин акыркы мезгилинде кыргыз калкынын башын кошкон бир хандык жок болуптур. Маселен бугуну Боронбай бийлесе, сарыбагышты Ормон, солтону Жангарач, Алайды Алымбек датка башкарып бытырандычылык өкүм сүрөт. Өз ара уруучулук күчөп, бир уруу менен экинчи уруунун ортосунда дайыма жоолашуу курчуп, озунганы озунбаганын чаап алып олжолоп турган заман экен.

Түндүктө сарыбагыш, саяктар бугу уруусун корсунтуп дайыма чабуул коюп турган. Ошол себептен бугунун ханы Боронбай кол салуудан, талоондон кутулуунун амалын издептир. Боронбайдын билимдүү тагар молдосу болуптур, ал аркылуу орустун орус падышачылыгы тууралуу кабардар экен. Эгер, оруска жамынсак, чабышуу тыйылаар деген ой менен Омскидеги орустарга элчи жиберип, орус келсе, аларга өзүнүн багынып берээрин айтат.

Кыргыздардын орустар менен биринчи жолу бугунун шапак уругунан чыккан Шералы дегендин уулу Качыбек мамиле кылат. Качыбек 1854-жылы Сибирдеги орустарга барып чен алат. 1825-жылы бугу уруусунан оруска багындык дешип желден Жабаганын уулу Алымбек жана арык тукуму Акымбек, Олжобай, Түлөберди деген кишилер барган экен. Ошентип бугу уруусу барып жүрүшүп, акыры 1855-жылы оруска баш ийет.

Б о л у ш

Уруу-уруу болуп жүргөн эл, урук-уругуна карата болуш-болушка бөлүндү. Болуштар шайлоо аркылуу жүргүзүлдү. Бир болуш эл старчынга, старчын элүү башыга, элүү башы ичи он башыга бөлүндү. Башкача айтканда, он түтүнгө бир он башы, элүү башы, бир нече элүү башынын үстүнөн бир болуш шайланды.

Болуштук башкаруучулар болуштук башкаруунун тутумуна төмөнкүлөр кирип:

  1. Болуш.
  2. Болуштун кандидаты (болуш  өлсө анын ордун баса турган киши).
  3. Песир (писарь).

Болуштук ишти болуш менен песири гана жүргүзүүчү. Песирлер орустан  болучу. Кандидат болсо болуш өлсө, анын милдетин аткаруучу. Болуш өлбөсө  кандидатта эч канчалык бийлөө укугу жок болучу.

Б и й

Болуштарга шайлоо өткөрүлгөндө ар старчындан бирден бий кошо шайлануучу. Доо-доомай, аласа-бересе иштери шайланган бийлер аркылуу бүтүүчү. Жылыга жаз бир, күз бир, бийлер жыйналып аласа-бересе, доо-доомайлардын иштерин карачу. Адатта бир жерге үй тигилүүчү.

– Бий олтурат, – делип элге кабар берилүүчү. Бирөөдө аласасы болуп ала албай жүргөндөр болсо, бийлерге барып айтышчу.

Бийлер өзүлөрүнчө сүрүштүргөн болуп, бийликтерин кылуучу. Бийлер доого бийлик кылганда, добогер жагынан да, жоопкер жагынан да бийлик акы алуучу. Бийлик акынын өлчөмү бүтүрүлгөн доонун өлчөмүнө жараша коюлучу. Кээде бийлерге деп добогер жана жоопкер эки жактан бирден тогуз, же бирден асый ат берүүчү.

Бийлердин бүтүмүн жазган үкөз катчысынын алары бир тай, же болбосо бир тайдын куну болучу. Доолап доо алган жана доо төлөгөн жактан болуш, старчындарга доонун өлчөмүнө карай асый ат, тай, кунандан же болбосо ошолордун баасына жетээрлик акча эсебинде «жол айтылуучу».

Б о л у ш т у к  ш а й л о о

Болушка шайлоо үч жылда бир өтүүчү. Болушту шайлоодон мурун он башы, элүү башы, старчындар дайындалуучу. Буларга шайлоо болучу эмес. Өз ара баш кишилер кеңешип отуруп тигил он башы, бул элүү башы, ал старчын болсун дешип өзүлөрү дайындап коюучу. Болушка шайлоо тоголок салуу менен болучу. Элүү түтүнгө бирден тоголок. Түтүнү кырк тогуз болуп калса элүү башы тоголок алуучу эмес. Түтүнү элүү болгон элүү башы бир тоголок алучу да, анысын алып барып болуштук талашкандардын бирөөнө салып берүүчү. Шайлоого түтүндөн бирден киши катышуучу. Алык-салык, ырым-жырым төлөөгө жарабаган жарды киши болсо, түтүн боло алучу эмес. Түтүн боло албагандан кийин шайлоого да катыша алучу эмес.

Адатта ыгым-чыгым төлөп түтүнгө ээ болгон кишилер шайлоо болгон жерге  барат, тизилип олтуруп  берет. Санакчысы кишилерди санайт да, отурган кишиси, элүү болсо, элүү башчысына бир тоголокту берет, калган тизилип отургандар тарап баса берет.

Д у б а н

Орус келгенден кийин болуш, бий шайланып, түтүн башкаруу иши болуштардын колуна, аласа-бересе, доодоомат бүткөрүү бийлердин колуна өтүү менен уруу курулушу бузулду. Бирок урукчулук сакталып калды. Чоң уруулар болуш-болушка бөлүнүп кетти. Бир болуштагы киши экинчи болуштагылар менен иши болбой калды. Эгерде бирөөнүн экинчи бир болуштагы кишиде аласасы болуп, ала албай жүрсө, андай аласасын бир дубандын бийи чогулган отурушта доолачу.

Бир үйөзгө караган элди бир дубан эл деп коюшчу. Ошол бир дубан элдин бийлери бир жылда бир жолу чогулуп бий отуруш кылучу. Башка болуштагы бирөөндө аласасы болуп, ала албай жүргөн киши ошол дубан бийине арыздануучу.

К у ю л у ш

Орус келгенден кийин «куюлуш» болду. Куюлуш болду деген сөз мындайча: жоокерчилик мезгилиндеги чабуулда бирөөнүн колуна түшүп кеткен кишилерге өз урук-туугандарына барып кошулууга мүмкүндүк берилди. Ошентип, чабуул убагында колго түшүп, башка бир урукка кул, курама болуп жүргөндөр урук уругун, тууган-туушкандарын тапты жана каалагандар үчүн башка урукка барып кошулуу үчүн жол ачылды. Орус өкмөтү тарабынан көрүлгөн ушул чараны кыргыздар кең куюлуш деп калышты.

С о о д а-с а т ы к  ө р ч ү д ү

Орус келе электе кыргыздардын соода-сатыгы кыдырмачы сарттар аркылуу болучу. Кыдырмачылар элдин «чоң кишилерине» келүүчү. Ошол себептен энчилеп койгонсуп соодагерлердин ар бирин палакчанын сарты деп коюшчу.

М а л д у у л а г а  с а р т  к е л д и .

Малы жокко дарт келди, – деп соодагерлер келгенде малдуулар малын берип кездеме алуучу. Акча дегенди урунган кишилер болучу эмес. Малы жок жардылар кыдырмачы сарттар келгенде көзмал алыша албай дарттуу болучу экен. Жогорку лакап ошондон калган. Соодагер сарттар малдуулардын малын төрт-беш эсе арзан алучу. Арзан бербеске кыргыздардын айласы барбы. Арзан болсо да келген кыдырмачы соодагерлерге малдарын булдап калбаса, айдап барып сата турган базар да жок эле. Алыс жердеги базарга мал айдап барып сатууну эл абыдан оор жумуш катары көрүшүчү жана айдап барып малын булдоонун жолун билишүүчү да эмес.

Кыргыздар жакын жердеги базарга малдарын булдап, соода-сатык иштери менен тааныша башташты. Ырас, көп жылдарга чейин далдалдар, соодагерлер кыргыздарды көп алдап жүрүштү. Кыргыз калкы кийинки күндөргө чейин эле сооданы жакшы биле алганы жок. Соодагерлер кыргыздарды өздөрүнчө «бөлүп» алган күндөрү да көп болгон.

– Менин кыргызым, – дешип соодагерлер айыл-айылды ээлеп алган. Ал айылдын кыргыздары соода-сатыгын ошол соодагерлер аркылуу кылучу. Малдарын жеткире пулдай албаса да, базардын көбөйүшү кыргыздарды соода-сатык иштери менен тааныштырды. Жоокерчилик замандагы соодага салыштырганда, малдарды кымбатыраак сатып, кездемени арзаныраак алучу болду. Жалаң эле аяктуу малдын көзүн карап калбастан акча, өлүү мүлк уруна баштады.

Т у р у к т у у  к ы ш т о о  к ү т ү ү

Орус келе электе кыргыздарда да туруктуу кыштоо болучу эмес. Кыштын күндөрүндө деле көчө берүчү. Орус келгенден кийин мурдагы жоокерчилик замандагыдай жоо келип чаап кетүү коркунучу жоголуп, ар ким белгилүү жерге кыштоо салып, кыштай турган болду. Көп жерлерде там салынып, дарактар тигиле баштады. Эл кыштоолорунун айланасынан аздап болсо да жер айдап, чөп чаап алуучу болду. Жоодон коркуп, ал кайда көчсө, айласы жок көчтү ээрчий көчө берүүчү жардылар, кыштоонун тегерегине отурукташуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Улам барган сайын дыйканчылык өөрчүп, жардылар эгин айдап, артык аштыгын сатууга, тыйын, мал табууга мүмкүндүк түзүлдү. Такыр колунда жоктор поселкаларга барып бир ишти көтөрүп алып же болбосо күндүк болсо да иш иштеп, акча таап ала турган болду. Байга малчылыкка жүргөн жигит жылына көп болсо бир тай алучу. Эми поселкаларга барып жумуш иштегендер мурдагы кыргыздын байларына жалчы жүргөндөргө караганда үч, төрт эсе көп табуучу болду. Ошентип орустардын келиши жардылардын турмушун бир кыйла көтөрдү.

Т е р с  к ө р ү н ү ш т ө р

Кыргыздар оруска багынуу менен өз ара чабуулдар тыйылып, тентектер түрмөгө алынып, ууру, каракчы азая баштады. Элдин баскан-турганы анча куугунтукка алынбай ар ким оокат-тиричилик издеп каалаган жагына барууга шарт түзүлдү. Жогоруда айтылгандай соода-сатык, дыйканчылык өнүгө баштады. Ошону менен бирге зыянчылыктуу иштер да чыкты. Баарыдан мурда бийлердин зулумчулугу күчөдү. Алып жээгө шарт түзүлдү. Уруучулук убагында болсо уруу бийлеринде анчалык деле бийлик күчтүү, барктуу эмес болучу.

Ошондон бийликке анча умтулуучу да эмес. Аңыр деген бир бий бир жолу бийлигин сатам дегенге чейин барган дешет. Бул окуя кийин бүт элге лакап катары тарап кеткен. Болушка шайлоо болгондо старчын башына бирден бий  шайлануучу болду. Ал шайланган бийлерден калыстык качып, параны ким берсе, ошонун сөзүн сүйлөй турган болду. Бийлигибиз деп көрүнө бир алса, парасын көмө бир алып, бийлер жемекей жагына ооп кетти. Мурда эли бийлери жалуун да, пара да алуучу эмес. Сойгон согумунун кадырлуу бир мүчөсүн бийиме дешип сактап коюп, жазгы утурум, «узун сары» болгон кезде бышырып алып бийине байланып барып берүүчү экен. Бийдин жалууну  ошол болуптур. Бара-бара атка минер, жемекейлер көбөйүп, чыгым үстүнө чыгым салып жей берчү болду. Чыгымын төлөй албагандарды бирөөнө малайлыкка кармап берип, чыгымын төлөтүп ала турган болду. Илгери элдин корккону тыштан келген жоо болсо, кийин душман өз ичинен чыккан атка минер жемекейлер болуп калды. Жасоол дегени болоор эле. Жасоолдорду үйөздүн, болуштун жигиттери деп атоого болот. Үйөздүн жасоолу тебетейинин тышын кызыл менен тыштатып, төшүнө ызнак белги дегенин тагып кылыч асынчу. Болуштун жасоолунун да төшүнө тагынган ызнагы, асынган кылычы болучу. «Кара бүлөнү» какшатканда ошол жасоол деген эмеси какшатуучу. Элди атка-тонго ээ кылуучу эмес. «Кара бүлөнүн» атын жыгып алып мине берүүчү. Жөн эле атын минип кетсе, андан жабыркабайт дечи, бирок жасоолдор айыл-айылды кыдырып, «кара бүлөнүн» атын минем деп коркутуп, акчасын, көрпө, кийизин ээ кылбай алып бастыра берүчү. «Кара бүлөнү» камап бутаганда жасоолдор камап бутады. Болуштун айтканы айткан, дегени деген. Болуш элди кандай башкарам десе болуштун өз ыктыяры. Болуштун азабы да оңой болгон жок. Шайлоо убагында жаатташып болуштук талашуудан эрегиш чыгып, «кара черүү», «ак черүү» болуп салгылашып, эр да өлүчү.

– Болуштук талашканда чыгымдар болуп калдым,– деп элге дагы чыгым бөлүчү. Болушунун жүргөн-турганынын баары элдин мойнунда. Болушу көчүп келип консо өрүлүк берүү, айылдаш отурса союш берүү тегеректеги элдин милдети. Мансап кишилерине өөдө кароо сөз кайтаруу деген «кара бүлөсү» болучу эмес.

Жазып алган Айткулу Убукеев (1939-1940-жылдар).

Латын тамгасынан көчүрүп, редакцияга даярдаган Кенжебай Акматов

ТАЛЫП БАЙБОЛОТ УУЛУ ЖӨНҮНДӨ

Күн өткөн сайын басма сөздөн улам жаңы, аты аталбай, угулбай келген улуу чыгармачыл бабаларыбыздын ысмы, алардын эмгектери тууралуу кабардар болуудабыз. Бул да болсо өлкөдө жүрүп жаткан кайра куруу саясатынын, жаңылануунун, демократиянын шарапаты. Биз сөз кылып, мурасын тартуулап жаткан Талып Байболот уулу – кыргыздын нускалуу, билимдүү кишилеринин бири. Бул киши жөнүндө, анын мурасы, маданий-агартуу багытындагы иштери тууралуу ушул күнгө чейин элге толук маалымат бериле элек. Эми гана айтылып, жазыла баштады. Бул кишинин өмүрү, эмгеги тууралуу тийиштүү маалыматтар өз убагында жазылып алынбаган. Баскан жолу, ишкердүүлүгү тууралуу сурап ала турган кишилердин көзү өтүп кетти. Анча-мынча маалыматтар бара-бара аздап болсо да чогулат го деген гана үмүт бар. Азырынча чогулган материалдардын негизинде ушул макала жазылды.

Ал киши 1849-жылы Жети-Өгүз жергесиндеги азыркы Чырак айылы ээлеген аймакта туулуптур. Атасы Байболот өз убагында элдик санаа-салтты мыкты билген, арабча окуй алган нускалуу адам болгон. Балдарына ар тараптуу тарбия берүүгө умтулат, Натыйжада уулдары, кыздары элдик нукура маданияттан илим-билимден кабары бар кишилерден болуп чыгышкан. Алты уул, үч кыздуу болот. Эң улуу уулу Элдеке өз убагында элдин үрп-адаттарын, айрыкча табиятты, өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жакшы билген, ашкере мүнүшкөр киши экен. Жандике ири дастандарды, ошонун ичинде Манасты да айткан белгилүү манасчылардан болгонун изилдөөчүлөр жазып жүрүшөт. Талып (Жыргалбай) уулдарынын үчүнчүсү. Кыдырбайды эл камын көп ойлогон, ар кандай коомдук иштерге катышкан өтө боорукер адам катары айтышат. Менин атам Акмат – Байболоттун бешинчи уулу. Атасынын жолун жолдоп арабча билим алып, агартуу тарабында эмгектенгендиктен, эл аны Акмат молдо дешкен. Революцияга чейин медреседе бала окуткан.

Кийин 1921–1922-жылдары Талыптын демилгеси менен Чырак айлында мектеп ачылып балдар окуй баштаганда ар түрдүү сабактарды окуткан мугалимдер менен катар жашы улгайып калганына карабастан бир аз убакыт окуучуларга динден сабак берген. Байболоттун кичүү уулу Байымбек өткүр, өз оокатына тың, бала-чакалуу адам болгон. Кыздары да өздөрүнчө үй-жайлуу, бала-бакыралуу болушат. Талып да үйлөнүп өзүнчө үй-бүлө күтүп эки эркек, төрт кыздуу болот. Уулдарынын көзү өттү. Кыздары, неберелери азыр айылда турушат.

Байболот балдарын өз ичинде сынап, өспүрүм уулу Талыптын зээндүүлүгүн, иреттүү жасаган иштерин, ойчул сөздөрүн, табият берген туруктуу, элдешпес мүнөзүн байкабай койгон эмес. Мунун кайратын билим сындырбаса, башка нерсе сындыра албайт деп, бир чети тамаша иретинде, бир чети келечекке үмүт кылуу иретинде кеп салчу дешет. Уулун билим алуучу жайга берсем деп көп ойлонот. Бирок ошол кездеги шартка байланыштуу оюн жүзөгө ашыра албайт. Өзү билгендерин үйрөтөт. Ошентип, Талыпка биринчи маалымат берген мугалими өз атасы болот. Убакыт өтүп, ынтызаар уулдун ар нерсени билүүгө болгон кызыкчылыгы күндөн күнгө артат. Билим алуу жөнүндө ойлонуп эчен түндү уктабай өткөрөт.

Ошол кездеги көл кылаасындагы маданий борбор Каракол шаары экени белгилүү. Бул шаарда Кыргыз жергесиндеги шартта биринчилерден болуп китепкана уюштурулган. Ири борборлор Казань, Уфа, Кашкар, Үрүмчү ж. б. шаарлардан келген көп билимдүү адамдар жашаган.

Шаардын жакындыгы Талыптын билиминин өркүндөшүнө ыңгайлуу өбөлгө түзөт. Каракол шаарына барып ал жердеги билимдүү кишилерге тааныша баштайт. Кашкардан келген чоң молдолордон окуйт. Берген таалим, тарбиясын мыкты өздөштүрүп, өз алдынча окууга үйрөнөт. Шаардагы билимдүү татарларга аралашып, алардын илим-маданият жагдайында аңгемелерин, кеңештерин үңүлүп угат. Бара-бара аларга бир туугандай жакындашып, бирге жашап, үйлөрүндө болгон ар кандай китеп, журнал, гезиттерин иликтеп окуйт. Кийинчерээк шаардын борбордук китепканасына мүчө болуп жазылып, андагы китептерди окууга киришет. Керектүү китептерди ири борборлордон: Казань, Уфа, Стамбул, Баку, Петербург шаарларынан заказ менен алдырып, окуп кайра өткөрүп турган. Алар көбүнчө түрк, татар, араб, фарс ж. б. тилдердеги китептер.

Кийин ошол мезгилде кыйла өнүккөн борборлордун бири болгон Кашкар шаарына барып, анын бай китепканаларындагы чыгыш элдери тууралуу эски китептерди үңүлүп окуйт. Шартка жараша өзүнүн билимин толуктоо үчүн китептин маанисине терең ынанат. Китеп окуу өнөкөткө айланат. Кай жерде жүрсө китеп колунан түшпөйт. «Талып көчсө-консо да куржунга китеп артынып жүрөт» деп эл кеп кылышкан. Окуган китептерин өтө тыкандык менен эсептеп, тизмелеп жүргөнүн да айтып калышат. 14 миң 700ден ашык китеп окудум дечү экен. Тилекке каршы, ал китептердин тизмеси сакталган жок. Кай бир китептери, карталары кийинки күнгө чейин Пржевальскидеги педагогия институтунун биология факультетинде, Чырак орто мектебинде мугалимдер тарабынан, айрыкча айбанаттардын классификациясын окутууда пайдаланылып келген. Үзгүлтүксүз билимин жогорулатуунун натыйжасында чыгыш, батыш илимдерин кыйла өздөштүрүүгө жетишет. Кийинки күндөргө чейин эчен ири окумуштуулардын атын жатка айтуучу. Ошондой эле өз элинен чыккан акылман кишилердин айткандарын элдик чыгармаларды кунт коюп угуп, иликтеп, чогултуп жыйноочу. Өз доорунун көрүнүктүү кишилеринин көбү менен тааныш, жакын мамиледе жүргөн. Үйүнө кишилер көп келчү. Келгендердин максатына жараша аңгемелешип, сүйлөгөндөрдүн сөзүн бузбай сурамжылап кызыгып угуп, ар кандай маалыматтардан кабардар болгон. Мансап тууралуу ойлобогон, тубаса илим-билим үчүн туулган адам экен. Бүт өмүрү билим издөө, китеп окуу, эл агартуу, маданиятты өнүктүрүү максатында өткөн. Өз тиричилигинде ашык оокатка, дөөлөткө, байлыкка умтулуу бул киши үчүн жат болуптур.

Талыптын жашоосунун көбү кыргыз коомунда уруучулук түзүлүш күч алган кезге туш келген. Кыргыздын уруучулук өзгөчөлүгүнө, санжыра, этнографиясына кызыгып терең изилдөө жүргүзөт. Уруучулук түзүлүштү көчмөн элдин өнүгүүсүнүн ири баскычы катары кароо менен, аны калктын ынтымактуулугун бузбоого, тескерисинче аны байытуу жагына багыттоого аракеттенген. Мындан ак пейил аракетинин жыйынтыгын өзү туулупөскөн Чырак айлынын тутумунан ачык көрүүгө болот. Анча чоң эмес Чырак айлында кайсы гана уруу жок. Бугу, коңурат, адигине, саяк, черик, мундуз, сарыбагыш, моңолдор, дөөлөс. Иши кылып кыргыздагы негизги уруулардын баары бар десек болот. Алар ушу күнгө чейин ынтымакта жашап келе жатышат. Илгери Чырактагы ар уруунун аксакалдары сөз боло калганда, бизде ар кандай элдин бирге жашап жаткандыгы Талып акундун элди бириктирүүгө болгон аракетинен деше турган. Балким бул атайы ойлонулган аракеттин натыйжасы болбостон, тек гана Талыптын бийик адамгерчилигинин жемишидир. Адатта жалгыздап жүргөндөр же уруу кагылышынан жапа чеккендер Талыптын адилеттүүлүгүнө, бийик кадырбаркына терең ишенип, жакындашып, анын тегерегине байралышкан. Кеңеш жардам сурап же акыйкатсыздыкка чыдабай арызданып келгендердин ишинин чындыгына көзү жеткенде уруу ичиндеги билермандарга, бийлик ээлерине, керек болгон учурларда падыша өкмөтүнө чейин кайрылып маселени оң чечүүгө жетишкен. Ошондон улам эл, айрыкча айылдагылар бул кишини терең урматтап эл атасы катары сыйлашкан.

Убакыт өтүп Талыптын кабары эл арасына кеңири тарап, билимдүү, чыгармачыл адамдардын келгени көбөйөт. Эл чоң илимпоз, акылман экенине таазим кылып урматтап Акун аке, Талып акун дешет. Ошентип жүрүп өзүнүн Жыргалбай деген аты унутулуп кетет. Жакын туугандары Талып молдокем деп айтышуучу, аларды туурап биз деле молдокем, чоң ата дечүбүз.

Бул кишинин таржымалын айтканда эң оболу анын илим-билим жагдайдагы иштери жөнүндө сөз болоору абзел. Анын кызыкпаган илим тармагын табуу кыйын.

Айрыкча көңүл бургандары тарых, тил, география, ботаника, зоология, медицина, геология, астрономия, физика, математика ж. б. Ушул илимдер боюнча толгон-токой китептерди окуган жана эмгек жазууга киришкен. Бирок, ошол кездеги шартка байланыштуу эмгек чыгаруу, жаңыча иштерди жүргүзүү боюнча ойлорун ишке ашыра албайт. Кай бир сунуштары, маселен, элди отурукташтыруу, бак тигүү, жер иштетүү жана башка ушу сыяктуу айткандары кай бирөөлөргө өөн учурап, Талып биздин үрп-адатыбызга, салт-санаабызга, туура келбеген иштерди жасап жатат дегендер да болуптур.

Андайларды угуп, элибиздин жалпы илим-маданияттын өнүгүүсүнөн обочодо тургандыгын ойлоп көп капа болот. Колдон келген мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланып чыгарма жазат, эл агартуу жагына аракеттенет. Жазып калтырган эмгектери толук жыйналып алына элек. Иликтенгенден кийин азырынча табылгандары Кыргыз илимдер академиясынын коомдук илимдер фондусунда сакталып турат. Өз колу менен араб арибинде жазып калтырган «Кыргыз тарыхына байланыштуу материалдар» жана өз оозунан жазуучу А. Убукеев тарабынан жазылып алынган «Кыргыз, кыргыздын түпкү теги, уруучулук, курулушу, түрлүү салттар» деген кол жазмалары бар.

А. Убукеев жазып алган кол жазма латын арибинде экен. Аны азыркы алфавитке которуу анча деле кыйын болгон жок. Кол жазманы даярдоодо, баарыдан мурда, автордун баяндоо ыкмасын толук сактоого аракет кылынды. Себеби эмгек элдик нукура сөз менен, аңгеме түрүндө, түшүнүктүү, унутулуп бара жаткан этнографиялык материалдарды кеңири камтуу менен жазылган. Негизинен кайталанган жерлер, жазып алуу учурунда кыскартылып жазылбай калган сөздөр менен толукталды. Эмгек 1939–1940-жылдары жазылган. Келтирилген тарыхый жылдардын эсеби ушул мезгилге карата көрсөтүлгөн.

Окуучулар эмгекти окуганда муну эске алуулары талап кылынат. Эмгекте кыргыздын келип чыгуу тарыхына байланыштуу материалдарда, ж. б. жерлерде адабиятта айтылып жүргөн көз караштан айырмаланган учурлар, ойлор кезигиши ыктымал. Бул маселелер боюнча автордун көз карашы толук сакталды. Окуучулардын мындай жерлерге чыгармачылык менен мамиле кылуулары зарыл. Белгилей кете турган нерсе, Талып молдонун эмгектерин окуганда чыныгы  илимпоздорго мүнөздүү илимий тереңдик, тактык, тарыхый окуяларды саясий кырдаалга мажбурлабоо, башкы негизги нерселерге айрыкча көңүл буруу, сүрөттөлүп жаткан  окуяларга сын көз кароо, өткөндү, учурду, келечекти байланыштырып баяндоо, жазууда эне тилдин байлыгын кеңири колдонуу жана  ушу сыяктуу ыкмаларды сезбей коюуга болбойт. Талып молдонун чоң билимдүү экенине карата доцент Ү. Абаков өзүнүн чоң атасы айтылуу комузчу Абак жөнүндө кеп салып, анын Талып менен жакын, пикирлеш болгонун айтып, менин укканыма караганда өз убагында Көл өрөөнүнө Талыптан ашкан окумуштуу адам болгон эмес дейт. Профессор X.Карасаев ал кишиге жолуга алган жокмун, бирок чыгаан илимпоз экенин жакшы  билемин, 1926–1927-жылдары жазуу реформасы боюнча талкуу кызуу жүрүп жатканда Талыптын «Лыпта» деген псевдоним менен «Эркин-Тоо» газетинде өтө маанилүү, курч макаласы чыккан, – дейт. Анда араб арибинен латын арибине өтүүнүн зарылдыгынын жоктугун, араб эле арибинде калууну жактаган ойлору жазылган. Муну кыргыз элинин кылымдар бою чогулган тарыхы, тили, маданияты коңшулаш жашаган түрк, араб, фарс элдери менен бирге колдонуп келген, ар бир тил үчүн ийкемдүүлүгүн көрсөтө алган араб тамгасына экенин эскертип, бул тамганы эзелки илимди-маданиятты үзбөй улап өткөрүп келе жаткан көпүрө катары баалаган. Тилекке каршы, бул сунуш ишке ашпай калды, дейт профессор X. Кара саев.

Неберелеринин бири, жаш кеткен, илимге кызыккан, таланттуу  геолог А.Асангариев Талыптын геология боюнча атайы диплому жок болсо да, анын бул тармак боюнча терең билимин баалап, «мен биздин айылдан чыккан экинчи геологмун, биринчи геолог чоң атам Талып» деп кесиптештерине айтыптыр. Көрсө Талып молдонун түрдүү тоо  тектери тууралуу айткандарын, ошонун ичинде тоодогу кызыл жарлардагы чополорду боёк катары, түрдүү туздарды пайдалануунун жолдору жөнүндөгү баяндарын уккан тура. Географ-топонимист, Кыргыз география коомунун төрагасы С. Өмүрзаковдун молдокем тууралуу сөздөрүн айтпай кетүүгө болбос. Талыптын жалпы эмгектерин карап көрүп, анын кыргыздын Күнгөй, Тескей, Талас ж. б. Ала-Тоолорунда, Кытайдын  Турпан, Аксуу, Текес аймагында, Тарим өрөөнүн бойлоп Лобнорго чейинки, Или жана башка дарыялардын жээктеринде жүргүзгөн саякаттарын угуп, аны географ катары эсептеген. Ал киши жөнүндө атайы макала жазган.

Пржевальск педагогия институтунун белгилүү окумуштуу-педагогдору Ш. Шарипова, Ш. Исмаилова аны менен бир канча жолу ботаника, зоология, химия ж. б. илимдер боюнча аңгемелешип, аны чыныгы энциклопедист катары баалашкан. Мындай ойду профессор А.Алдашев да өзүнүн эмгектеринде, макалаларында көп жазып, анын ар тараптуу илимпоз экенин эскерип жүрөт.

Көп жылдар өтүп, эмгеги басмадан чыгып тарабагандыктан ал киши унутулуп бара жатканын моюнга алууга туура келет. Учурунда Талыптын аты өз аймагында өтө эле таанымал экен. Көл тарапка барган билимдүү, чыгармачыл кишилердин ага жолукпай кеткендери чанда болгон. Айылдагылар 1947–1948-жылдары оюн коюп келишкен Ыбрай Туманов менен Абдрашит Бердибаевдин Талып молдого учурашып сүйлөшкөнүн көп эскеришет. Ошондо угуп отурган, азыр Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Акмат уулу Абит аңгемени төмөнкүдөй эскерет: Таанышкандан кийин баргандар молдокеме ыр аткарып, күү чертип беришти. Андан соң аңгемелешүү суроо, жооп иретинде көпкө созулду. Молдокемдин илгерки чоң комузчуларга, ошонун ичинде атактуу Арстанбекке жолукканын, анан мурда өткөн комузчулардын толгон күүлөрү тууралуу чечмелегенин угуп олтурган Ыбырай: «мен көп күүлөрдү, алардын тарыхын билген эмес экенмин. Бул кишини илим жөнүндө айтат дечү эле, көрсө музыка, ар түрдүү маданиятты терең билген телегейи тегиз адам тура, айткандары менин чыгармачылыгыма да таасирин тийгизет деген үмүттө калдым» деген экен.

Аз да болсо бу кишинин жазгандарын баалаган эмгектер кезигет. Академик Б. Жамгырчинов өзүнүн «Присоединение Киргизии к России» деген китебинде кыргыздын уруучулук түзүлүшү тууралуу баалуу эмгектин бири катары Талыптын кол жазмасын эсептейт. Талып молдонун фондудагы кол жазмасын окуп пайдалангандыгы тууралуу тарыхчылар Д. Айтмамбетов, А. Жаманкараев, тилчи-адабиятчылар К. Сейдакматов, Буудайбек Сабыр уулу айтышат.

Эжебиз Шарымбүбүнүн үйүнө «Кыргызстан маданияты» газетасына чоң атам Талып жөнүндө чыккан макаланы алып барып калдым. Гезитти ачып молдокемдин сүрөтүн көрүп, бетине сүртүп «арбагыңдан айланайын» деп жашыды. Толкунданып сөз баштады:

– Ыраматылык атам Байымбек Талыптын эң кичүү иниси болучу. Атам өлгөндөн кийин мени Талып багып алган. Ошол күндөн тартып ал кишинин кызы болуп калдым. Өзүн атаке, байбичеси Седеканды энеке дечүмүн. Ал кишинин үйдөгү күндөлүк турмушу көз алдымда өттү. Эстесем азыр да атакемдин келбеттүү жүзү көз алдыма тартылат. Элден бөтөнчө деле кийинүүчү эмес. Үйдө жүргөндө кийген ак калпагы, ак көйнөгү, бутундагы кепич-маасысы чымыр келген орто боюна жарашып туруучу. Тышка, чыкырган жерге көрпө жакалуу ичигин же чепкенин, суусар тебетейин кийип, тор жоргосуна минип бастырып кетүүчү.

Кийимин ыраматылык энекем Седекан өзү тигип берүүчү.

Абдан ишмер киши эле. Атакемди өтө урматтоочу. Күнүгө бир маал атакем Седекан энекем менен сүйлөшүп отурганын көрүчүбүз.

Менин байкоомдо атакем Талып токтоо, күйкөлөк төбөгөн, майда болоор болбоско ачууланбаган акылман киши эле. Адатта окуп отуруучу. Келген кишилер болсо ордунан тура калуучу эмес, тек гана башын ийкеп, саламдашып, жаныма келип отур дегендей ишарат кылаар эле. Шашпай, ал  жай сурашып маектешүүчү. Чоң кызматта иштейби же жөнөкөй адамбы баарына мамилеси бирдей болучу. Бирөөгө кошомат кылып, жойпуланып, эки ача сүйлөгөнүн уккан эмесмин. Кээде акыйкатсыздыкты укканда, туйганда бул оор басырыктуу кишинин ачуусу жүзүнө тээп чыкчу. Үйдөн киши үзүлчү эмес. Кыргыздар менен катар башка улуттун адамдары да көп каттоочу. Келгендер менен алардын өз тилинде сүйлөшүүчү. Байкоомдо көп тилди билсе керек. Татар жолдоштору менен татарча, орус тааныштары менен орусча сүйлөшүүчү. Күндөлүк турмушта атакемдин ар түркүн ишмердүүлүгүн көрүп таңданчубуз. Анын баары эсте калбаптыр жана ирээттеп айтып берүү да кыйын. Эсимде көбүрөөк калгандарынын бири – оору-сыркоону дарылоо тууралу айткандары. Узак убакыт сакая албагандар көп келүүчү. Атакем сунуш кылган жол менен, көбүнчө дары-дармек чөптөрдү, айбанаттардан  алынган дарыларды колдонуп, нечен кишилердин айыгып кеткенин өз көзүм менен көргөмүн. Күндөлүк турмушуна кайрылсак намаз окучу.

Орозо айында орозо кармоочу. Бирок мечитте дин багытында кызмат кылганын, куран түшүрүп, жаназа окуп жана башка диндик адаттарды аткарганын байкабадым. Билгендер менен маек көбүнчө илим, элдик салт-санаа жөнүндө болучу. Кай бир карыялар дин тууралуу сурап калганда, дүйнөдөгү биз укпаган ар кандай диндер жөнүндө баяндоочу. Диндин тарыхына, пайдалуу жактарына токтолуучу. Кошумчаланып кеткен жерлерин да айтуучу. Диндин эчен  кылым карытып, ар  кандай элге кеңири таралып, жашап келе жатканынын себеби аны каалагандар үчүн ыктыярдуу экендигинде, адамга ички ишенич берүү мүмкүнчүлүгүндө, кишинин өзүн-өзү  тейлөө аркылуу адамдык сапатын сактоодо турат  деп түшүндүрүүчү. Ушул жерде мен дагы билгендеримен кошумчалап кетүүгө ылайык  тургандай. Улуу Ата мекендик согуш мезгили. Баш көтөргөн эркектер аскерде. Айылда кары картаң, аял, жаш балдар. Талып молдокем байбичеси менен уулу Абдрайымдын тамынын бир бөлмөсүндө туручу. Небереси Насир экөөбүз бир класста окуп, дайыма молдокемдин үйүнө барып тиричилигине каралашып турабыз. Ал кезде көзү тамгага жетпей калган. Бизге кайрылып, журнал, гезит тартыш, силер колуңарга тийген  эле гезитти алып келип, үзбөй окуп берип тургула дейт. Угуп отуруп, кай бир жазылган окуяларды укканда буурул чалган бийик кашы салааңкырап, кээде терең ойлуу көздөрү, картайган жүзү  тийген нурдан  жазылгансып  туруучу. Ушул  ирмем биз үчүн адамга нур берген илим отунун өчпөй турганын элестетүүчү. Ыраазы болуп батасын берип, окуубуз, мугалимдер тууралуу сурачу. Окуу китептерибиз жөнүндө сөз кылып, алар жөнүндө кабардар экенин, окуу китептеринин деңгээлинин анча жогору эместигин, артыкча ботаника, зоология боюнча котормонун начардыгына токтолучу. Молдокемдин бул айткандары азыр да күчүн жогото элек. Адатта отургандарга жараша кеп салар эле. Билимдүү кишилер чогулса эргип сүйлөй турган. 1946жылы  биздин  үйгө улгайган  аксакалдар,  билимдүү жаштар чогулуп отурушту. Ошондо элдин алдында Талып молдокемдин чоң аңгеме курганы эсимде. Сөз түрк көчмөндөрүнүн башы Саяндан тартып аягы Венгрияга чейинки аймакта созулган узак тарыхы жөнүндө болду. Будапешке жетип, анын тарыхы, шаардын этимологиясы тууралуу узак чечмелеген.

Порт-Артур шаарынын татаал, кызык тарыхына токтолду. Эл алдында сүйлөгөндөрүнүн эсимде калгандарынын бири ушул. Молдокемдин география, тарых жөнүндө айткандарынын ичинен угуп жүргөндөр Япония тууралуу аңгемелерин көп эскеришет. Дайыма япондордун илимди, улуттук маданиятык ар кандай саясий төңкөрүштөргө карабай, төкпөй-чачпай, тескерисинче өөрчүтүп, өнүктүрүп келе жатканын таңдануу менен айтып, аны үлгү катары караар эле. Көбүрөөк окуп, үйрөнүп, турмушта колдонсок кана дей турган. Молдокемдин өмүрү – илимди, акылмандуулукту күндөлүк турмуш менен айкалыштыра билүүнүн бийик  үлгүсү. Иликтеп көрүп, өз доорунда бул киши аралашпаган ири окуяны табуу кыйын. Кыргыз эли башынан өткөргөн жоокерчилик-уруучулук  заманда, падыша колонизациясы убагында, үркүн, Совет бийлиги мезгилинде жашап, ар доорго  жараша элдин мүдөөсүн аткаруу аракетинде болгон. Аларга көл айланасында биринчилерден болуп 1905–1906-жылдары конуш чалып, элди отурукташтырып Чырак айылын уюштуруу боюнча иштери, айылда мектеп курдурууга болгон ийгиликтүү аракеттери, багбанчылыкты өнүктүрүү, табиятты коргоо жана туура пайдалануу боюнча сунуштары жана башкалар кирет.

Дайыма эли менен бирге болуп, кыргыз эли эчен кылымдар бою жыйнаган улуу маданиятыбызды сактап, өрчүтүп келген агартуучулардын бири катары кароого толук укугубуз бар.

1949-жылдын кышы. Январь айы. Талып молдокем анча узакка созулбаган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Биз небереси Насир экөөбүз 10-класста окуп, кадимкидей ишке жарап калган кезибиз. Келгендердин атын алып, отун-суу камдап молдокемди акыркы сапарга узатуунун камында жүрдүк. Кым-куут, жөө, атчан келген кишилер Чырактын сазына батпай кеткен.

Келгендер топ-топ болуп, өз ара сүйлөшүп, Талып акун жөнүндө ыраазычылыгын билдирип, жылуу пикирлерин айткандары угулуп турду. Эл өзүнүн кадырман адамын чоң урмат менен акыркы сапарга узатышты.

1949-жылы 17-январда молдокемдин сөөгү Чырак айлынын көрүстөнүнө коюлду. Кийин бейитинин үстүнө Талып Байболот уулу деп жазылган белги орнотулду.

Кенжебай Акмат уулу

 

ТАЛЫП МОЛДО

КОРДОЛГОН ЗАМАНДА

Фергана, Анжыян кыргыздарынан күн чыгыш тарапка чачырап, жайылып чыккан кыргыздын ата-бабасынан, уруусунан, азыраак тарых-санжырасынан жазамын. Өткөндөгү, азыркы карт-баш кишилердин оозунан угуп, бурушпу-дуруспу, не болсо да көөнүмдө калганы. Абалкы бабасы эки жигит. Бири Оң, бири Сол.

Оң деген жигиттин үч баласы бар экен. Экөө уул, – бири Адигине, бири Тагай. Бирөө кыз, аты Наалы. Аны Моңолдор деген кишиге берген экен. Адигине тукуму чоң уруу журт болуп, Фергана тарапта жашап турат.

Тагайдын үч уулу болуптур. Богорстон, Койлон, Сарбагыш. Сарбагыштын мойну кыйшык болгондуктан, Кылжыр дейт.

Богорстондон солто, бөлөкбай, талкан деген урууларга бөлүнүп, Таластан Токмокко чейин. Койлондон жедигер деген эл Фергана тарапта жана солто ичинде да бар.

Кылжырдан эки уул. Бири Дөөлөс, бири Орозбакты.

Дөөлөстөн төрт уул: Токо, Жантай, Таздар, Манап. Манаптан эки уул, Чарымбек, Соотай. Соотайдан Эшим, Сарсейит, Тугор, Сарсейиттен эки уул – Үчүкө, Түлкү.

Түлкүдөн бүтүн Тынай, Токмокко караган жерде.

Үчүкөдөн төрт уул – Мамыткул, Дөөлөт, Кудаяр, Эрдана. Мамыткулдан эки уул – Темир, Болот. Темирден – Черикчи, Назар. Болоттон – Эсенкул жана бир катындан Бешкүрөң. Булар жогорку Тугор дегенден Чоңчарык деген. Жогорку Дөөлөттөн Надырбек болсо керек. Кочкордо, жогорку Темир, Болоттон тараган эл Ат-Башы, Нарында, Кочкордогу сарбагыш аталат.

Жогорку Кылжыр деген кишинин уулу Дөөлөстөн тараган тукуму Токмок, Боом, Ортотокой, Кочкор, Нарын, Ат-Башыдагы сарбагыш аталат.

Ысык-Көлгө караган жерде бугу аталган элдин тукуму, баягы Кылжырдын Орозбак деген уулунан тараган журттан Ысыккөл тегереги, бөтөнчө Нарында бир болуш тынымсейит жана бир болуш моңолдор эли бар.

Орозбактан төрт уул. Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул. Арыктан тараган Торгон эли, Семизбай эли, Асандан тараган элинде аз түтүн бар. Карамырзадан Күрмөнтү элинде аз киши бар.

Мырзакулдун эки уулу – бири Алсейит, бири Тынымсейит. Тынымсейиттен бир болуш эл азыр Нарында. Алсейиттен эки уул: бири Бапа бири Жаманкул. Бападан алты жүз киши Барскоондо. Жаманкулдун үч уулу: бири Моке, бири Итбука, бири Кыдык, бири Белек.

Моке, Итбуканын тукуму Күрмөнтү элинде. Кыдык Тоң районунда, бир болуш эл. Эми Белектин Салмаке тукуму бир болуш – Түптө. Бир катыны Жаркын. Андан алты уул. Токой, Туткач, Толубай, Саты, Алдаяр, Алдаш. Бул алтоонун тукуму баары Күрмөнтү элинде. Бирок Алдаштан эки катыны бири – Кагаз, бири Шекер. Шекерден үч уул: Тазабек, Меңмурат, Шапак. Тазабек, Шапак тукуму Күрмөнтү элинде. Меңмурат Текесте. Эми Кагаз деген катындан үч уул: Кудайменде, Төкөк, Бирназардан алты уул: Алыбай, Нанжебес, Эсенаман, Мураталы, Данияр, Баялы, Алыбай. Мураталынын тукуму Күрмөнтүдө. Баялыдан тукум жок. Калган үч уулунун тукуму Жети-Өгүздө.

Эми жогоруда жазылган Тагай тукумунан башка солто, сарбагыш, бугунун ичиндеги илгери Фергана облусунан, күн чыгыш жактагы Кыргыз ичиндеги атактуу чоң уруусунан, кайсы элде, кайсы жерде турганын болжол менен жазайын.

Наманген, Кетмен-Төбө, Нарын бойлорундагы жерлерде, саяк уругунан түнкатар, түнтөй деген эл жана анын ичинде кичине уруулардан да көп болсо керек.

Ошол жерлерде бир нече болуш басыз деген эл, анын ичинде да майда уруулар болсо керек.

Талас, Суусамыр жерлеринде атактуу уруу кытай, саруу, жедигер жана солтодон башка дагы кичи уруулардан болсо керек.

Эми Чүйдүн тескей тоо аркасы. Жумгалга караган жерлерде саяк уруусунан курманкожо, кулжыгач деген эки чоң уруу эл бар жана Ат-Башыдан Анжиан тоосуна чейин чоро деген эл бар.

Ошол көп уруу журттун атасы, баш бабасы Тагай бийге эки жигит болуп келип, атын Карачоро, Сарычоро коюп, ошол эки жигиттен тараган тукуму ким экенинин дайыны жок. Селсаяк келген үчүн, анын тукумун саяк деген имиш. Ат-Башы, Арпада черик деген эки болуш эл бар. Бул да Тагай бий жоону чапканда, минген атынын жеми үчүн, олжодон чыгарып алган кишинин тукуму имиш.

Сарбагыш ичинде азык, өзүк деген болушка толбогон эл бар. Булардын бабаларын да сапарга азыгы, талканы үчүн, олжодон чыгарып алган имиш.

Жети-Өгүз районунда төрт чоң уруу, эки кичине уруу эл бар. Алдаш балдарынын катарында, бири Коңурат Жети-Өгүздө алты жүз түтүндөй киши. Коңурат эски Чоңбулак, Аккочкордо азыраак түтүн бар. Коңураттын ичинде бир айыл Кабак деген тынымсейит бар.

Жети-Өгүз суусунун күн батыш тарабы Кичи кызыл суу, Чоң кызыл сууда кичине уруу мундуз жана коңураттар бар. Баягы жогоруда айтылган Тагай бий жоону чаап олжону бөлүшкөндө Наалы эжесинин тоого минген Коңуркула деген аты жоонун колунда калган экен. Ошол аттын төлөөсүнө, бешиктеги бир эркек баланы чыгарып берген экен. Коңуркула аттын төлөөсүнө келген үчүн, баланын атын Коңурат койгон имиш.

Анжиян, Ош, Кожент тарапта көп Коңурат, саяк, солто, сарбагыш ичинде беш-он түтүндөн чачкын болуп жүргөн коңураттын баары Коңуркула аттын төлөөсүнө келген баланын тукумунан тараган эл имиш.

Кыргызда бири-бирине моюн сунбай, урукчулдуктун себеби не деген суроого жооп болорлук бир окуяны мисал кылып, жогорудагы Жети-Өгүздөгү төрт уруунун үчөө: коңурат, дөөлөс, саруунун башынан өткөн окуяларынан бир аз маалымат жазамын.

Эми жогорку сөздөргө кайрылайын. Баяш Ферганадан күн чыгыш жакка тараган Анжиан кыргызынан, атабабасынан, бири-биринен угуп, айтыла келген сөздөрдү өзүм бала убагымда угуп, алардын айткан көп сөздөрүнөн көөнүмдө калгандарынан жаздым.

Бул дуруспу-бурушпу билбейм, бирок, Ферганадан нечен топ-топ болуп кыргыздардан Чыгышка тарап келгени чын. Бул туурасында соңунда өз пикиримди баян кылып жазамын.

Биздин бул жактагы журттун тарыхы өтө караңгы, ошол караңгылыктын себебинен ушул күнгө чейин бузук иштер агылып келе берген.

Түркстан, Фергана жактан кайсы заман, кайсы гасырде (кылымда) келгенинен маалыматым болбосо да, чынында Чыңгысхан ошол жакты басып алган убактарда келген болуу керек. Неге десеңиз Түрк, Сибирь тарыхында жазган, Эртиш тарапта кыргыз каны Тамбука хан Чыңгысханга багынып, өзүнүн колу менен Чыңгыс аскерине кошулуп, күн батыш чабуулунда бирге болду.

Чыңгысхан Букараны алганда андан Тамбука хан Эртиш, Том тарапты сураганда берди деп жазганын окуган элем.

Кокон хандыгына багынып, Фергана кыргыздары ар уруктун башчысы аксакал бийлерине бирден тамга берип, ошол тамганы ар урук өзүнүн малдарынын башына, санына басып жүргөн. Азыр да мундан тамга, арык тамга, шапак тамга, – деп жылкысынын башына, санына басып жүргөндөр бар. Анжиян кыргыздарында ай тамга, кайчы тамга, кылыч тамга, орок тамга дегенге окшош, уруктун тамгасы жок болсо керек. Кайсы уруктан экенин малынын тамгасынан көрүп билет. Үкмөт да бийлерге берилген тамга аркалуу өкүмүн жүргүзгөн экен.

Ошол үчүн өз уругунун өкүмүнөн башка уруктун өкүмүнө моюн сунбай келишкен. Чоң ат чабыш болсо, ар ким чапкан атын өз уругунун ураанын чакырып, ошол уруктан канча киши болсо, ошол атты сүрөйт. Жазатайып, ошол уруктан бирөө башка бир уруктун атын сүрөсө, аны бирөө көрүп калса, аны ошол жерде уруп, өлтүрмөк болгондо, башка уруктар арага түшүп ажыратышат.

Жоо менен урушмак болсо, ар урук өзүнүн бийинин, баатырынын желек (туусунун) түбүнө жыйылып жана чоң урукка баш болгон кишинин туусунун түбүнө чогулуп, ошол чоң кишинин буйругу менен жоого аттанат.

Жоосун жеңип, алган олжону бөлүшүп, ар бир урук туу кармаган чоң кишиге олжону берип, калганын өздөрү алышат. Бир урук, башка бир уруктун бир кишисин өлтүрсө, өлтүргөн урук баары биригип кеминде үч жүз жылкы кун төлөйт.

Бир уруктун кызын, башка бир урук ала качып кетсе, кыздын артынан кууп барып, ал эл менен чабышып, башка бир урук эл арага түшүп, ажыратып, аксакалдар бүтүм кылып, көп калың мал айтып, алакачкан айыбын төлөтүп, калың малын кыз атасына берет.

Бир киши, бир кишини урса, же зордук кылып бир нерсесин алса, алдырган тарап алган тарап менен урушуп, алганын айыбы менен кайтарып алат. Бир адам кокусунан бир жаман ишке кириптер болуп, аны төлөп берүүгө алы жетпесе, анын урук туугандары бөлүшүп төлөп куткарып алат. Жогорудагы урукчулдук негиз болуп, пайда-зыянын тең көрүп, бөлүнгөндү бөрү жейт деп уруудан бөлүнүп четке чыкпай, уругунан бөлүнбөй келгенинин себеби ушул экен. Ошол үчүн, оюнда, көптө, калаада киши урбайт. «Атасы бөлөк менен коён уулаба, уруусу бөлөккө учкашпа» – деген макалдардын себеби ошондон болсо керек.

Фергана жактагылар өзүлөрүн кыргыз-кыпчак, сарткыпчак, ичкилик деп, күн чыгыш, сол түштүктөгүлөрдү аркалык деп аташат.

Ичкилик конушу жакын четтегилерден өздөрүн мыкты ойлоп, беркилерге кол салып келген. Мунун далили: «саяктан Качы баатыр деген бир чоң кишиси Кокон канынын Кушбегине кошулуп көлдөгү бугуну чабамын деп, баштап алып келип, Ысык-Көлдүн көкүрөгүндө Каркырага ашташар жеринде Кызыл-Кыянын түбүнө колду кондуруп, Кушбегинин фуосун (үйүн) тиктирип жатканда, көл башында бугу үркүп, Каркыра жакка кетип, бугунун баш бийи Мураталы, Ниша деген кишилер Түптүн көпташы тар жерине өзүлөрүнүн колун алып келип карагайтокойдун арасына бекинип тосуп жатканда, Качы баатыр өз колун баштап Каркырадагы бугуну чабууга. Качы баатыр өзүнүн Кызыл аты менен колдун алдында бөлүнүп жалгыз баратканда бугу ичинде теңизбай уруусунан жаш жигит Кирайт деген баатыр жалгыз астынан чыгып, Качы баатырды найза менен сайып өлтүрүп жатканда өйүзгү тоодо бекинип карап турган бугунун бийлери Чүйдөн келип, Качынын артынан келаткан колун сайып өлтүрүп кууп, Кушбегине жеткенде, Кушбеги менен аман калганы качып кутулуп, көбү колго түшүп бугуга олжо болгон экен. Бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда, «Кушбегинин колу келгенде» – деген сөз бар.

Эми экинчиси, бугу элинде ушул күнгө чейин «көп Чакар келгенде» – деген сөз бар (Чакар деп саякты айтат).

Мунун мааниси: эки урук журттан эки баш кишиси бири Осмонбек, бири Кожомберди деген эки баатыр. Элин бүт көчүрүп, Ысык-Көлдөгү бугуну чаап алып, анын конушу Ысык-Көлдү конуш кылып өзүбүз жердейбиз деп келип бугунун четине конот. Бугунун бийлери эмне үчүн келдиңер? – деп сураса – сиздер менен биригип журт болуп, бир эл бололу деп келдик, деп алдайт. Бул алдаган сөзүнөн бугулар чочуп Каркырага карай көчөт. Аркасынан калбай саяктар да көчүп жүрүп олтуруп азыркы Кулжа шаарынан бир күнчүлүк ыраак Золон айымбас деген жерге токтоп, бугу кайта көчкөндө саяк Чалкөөдөнүн башы, Атыгай ташты ашып, Текестин тескейи ой карагайдан кайта көчүп бугунун көчүн жандап, бугу кара кырга келгенде, саяк жандап көчүп келип Каркырага конгондо, саяк Кумтикен чардын боюна конгон экен.

Конгондун эртеси, бугуда мундуз Усупбек баатыр эки жолдошу менен Иле жактагы казактан кырк жылкы алып келатса көрүп калып, жыйырма чактуу киши менен саяк Осмонбек баатыр, Усупбек баатыр менен таңатып күн чыкканча чабышып, сайышып, Усупбек баатыр айдап келаткан кырк жылкысын алдырып, аман кутулуп, Залыкбек Султандын атасы Сасыкеге жеткенде Сасыке аттанып чаап кетип, жылкыны ажыратып, Осмонбек баатырды колго түшүрүп үйүнө алып келет.

Эртеси бугу көчүп көлгө түшүп, Тасманын тескей талаасына конот. Тасманын күңгөй жагына Түптүн талаасына саяктар көчүп келип конуп, ортого элчи салып сүйлөшүп, бүтүшүп Осмонбекти берген экен.

Бугу Көлгө көчкөндө Осмонбек баатырды Сасыке уйга мингизип, башына катындын элечегин кийгизип алып келген. Аны көргөн саяктар намыс кылып, конгон түнү саяктардын бийлери чогулуп кеңеш кылып: эртең бугу менен урушуп-чабабыз дейт. Анда бир чоң уруунун Байменке, Кураш деген аксакалдары урушпайбыз деп чыгып, ич арасы бузулуп тарашат.

Баягы урушпайбыз деген уруу – Байменке, Караш – бугуга бир кишисин жиберип: биз силер менен кала турган болдук. Бир жагыбыз качмак болду. Эртең чаап алгыла, – деген анык кабарды угуп, бугу күңгөй ылдый көчүп качкан саяктын артынан түшүп, кууп-жетип чаап олжолоп калган экен.

Мына ошондо колго түшүп калган саяктардын тукуму Көлдө, Торайгырда, Аксуу, Улаколдо экен.

Ормонкан бугунун колунан өлүп, андан соң сарбагыш менен бугу бир нече ирет чабышып, эң соңунда Төрөкелди баатыр бүт эли менен Каркырага көчүп барып бугуга чабуул жасап, акырында жеңилип буту сынып, колго түшүп, бир жыл бою бугунун колунда багылып, кийин бугу, сарбагыш сүйлөшүп Төрөкелдини бошотуп кай тарды.

Ошол учурда орустан бир отряд казак-орус келди. Казак менен бугу Кытай менен Кокондун улуктарына кабар кылды. Алар черүү колу менен келип, Чалкар ооданынын талаасында беттешип, бир-эки атышкан болуп, Кытай кошуну качып кетти.

Ал убакта Жетисуу облусунда, Иледе, Кулжа шаарына караган жерде кытай дунган менен урушуп, Таранчы Султаны кан болуп, бийлеп турган кези эле. Ал убакта жаңыдан оруска караган четтеги казак-кыргыз Алматыдагы губернатор Колпаковский Өкмөтүнөн ар бир ойозго башчы акимин өзүнө тийиштүү аскери менен коюп, кээ бир саясый айыптуу деп кармаган кишисин катлешке деп туюк үйгө камаганын көрүп, баш кишилер чочуп, «бу жаман жоо экен мен буга карабаймын», – деп бугудан Балбай баатыр, Алматы казагынан Шоорук баатыр, Тазабек баатырлар менен Кулжа султанына качып кетти.

Кийин кыргыз, казактардан башчы кылып жүздөн ашык казак орус жиберип, аңдытып, бейкут жаткан үйүнөн Балбай баатырды, Шоорук баатырды кармап алып келип, Алматы түрмөсүнө салды. Балбай баатыр ошол Алматы түрмөсүндө жатып өлдү. Тазабек баатырды Колпаковский сурады эле, Кулжанын султаны бербей койду. Ошону шылтоо кылып, Таранчы менен урушуп, Кулжаны орус каратып алды. Андан соң Алматы, ЫсыкКөлгө караган казак, кыргыз элинин башкы үч Жыргалаң күнөстүү, жылдыздуу конушун кеңитип, эркин жердеп, эли бай, жери бай деген сөздүн дурустугу, эң астыңкы киши үч миңден жылкы, жүздөгөн киши миңден жылкы, башка төрт түлүк мал эсепсиз көп болуп, Ысык-Көлдө эл аз болуп, жер эркин күр болуп, көлдөгү эл бай болду.

Ысыккөл үйөзүндө жарды кишилер жок эсебинде болду. Журт байып, илгерки өз эркиндей жыргап жүрдү. Ал эми падыша өкүмөтүнүн саясаты болсо, Ысыккөлгө Россиядан орус мужуктарын көчүрүп келип, күңгөй Байсорун, Түп, тескейде Аксуу, Кызылсуу, төрт жерге Селский поселке кылып отурукташтырды. Андан соң 1840-жыл болсо керек, Каракол шаарын бина кылды. Шаарда оёз, пристав, беш палитсия, үйөздө эки орус ыстражник, бирден жасоол жигит үйөздүн кеңселеринде турат. Ал жасоолдор оёздун бар деген жагына барып, буйругун аткарып турат. Караколдон жол чубай өткөн кыргыздардын аттарын алып, минип кетишет. Атынын аркасынан барса сөгүп, уруп, кайсы бирөөлөрү атын такыр бербей жеп кетет.

Үйөздүн бир чоң тилмечи жана мусулманча жазуучу татардан эки тилмечи бар. Бир казыначы төрөсү бар. Бугудан Зарыпбекти султан кылды, ал абыдан семиз киши эле. Күн ысыганда авага чыгып эшикте олтурат. Күнүгө анын үйүн эки часавой кайтарып турат. Султан бугудан черүү кол алып, эң оболу Текестеги калмакты чаап олжо кылды. Андан сарбагыш Надырбекти чаап, андан соң сарбагыш Төрөгелди баатырды, эли черикчини чаап олжо лоду.

Орус өкүмөтү орундуктаган соң, Зарыпбекти султандыктан түшүрүп, бугудан Токсаба төөнү кичи помощник кылды. Аялдабай эле аны түшүрүп, Тилекматты кичи помощник кылып, аны Кашкар каны Жакыпканга кат бердиң, – деп кармап, түрмөгө салып, мындан Алматы түрмөсүнө алпарып жаткызып, андан Көлгө алып келип түрмөдө көп кармап, акыры  түрмөдө ооруп жатып өлдү. Бул иштер Каракол калаасын салгандан мурун болду.

Орус өкүмөтү, эң авал казак, кыргыздын бий аксакалдарын өз ыктыярында мурунку адатынча журттун бийлигин бийлетип коюп, өкүмөт үчүн бир жылга түтүнгө бир сомдон акча налог алды.

Бий аксакалдан соң шайлоо менен болуш, бий, ыстарчын, үч жылда бир шайлоо кылды. Ошол шайлоодо, он үйдөн бир онбашы, элүү үйдөн бир элүүбашы, жүз үйдөн бир ыстарчын шайлап, ыстарчынды онбашыга шайлаштырып, бий болушту элүүбашыга чар салдырып, үйөз кол коюп бекитет эле. Ал убакта андайды көрбөгөн эл коркуп жана жаман көрүп, онбашы болуудан коркуп кашчу эле. Бий, болуш, ыстарчынга талаш жок. Болуштардын кыла турган кызматы: онбашы, элүүбашы, ыстарчынга буйруп, кара жолду оңдоп күзөтмөк, ары-бери жүргөн солдатаскерге үй тикмек, улук келсе жакшы ат даярдап, үй тикмек, конок ашын камдамак. Улуктун астынан тозуп, кеткенде узатмак, кызматтан кемчилик кылса үч күн же бир жума катлөшкө камалмак.

Ал убактагы бий, болуш, ыстарчындар баягы журт баккан, журт өзү сүйгөн кишилер эле. Алардын элге эч зыяны жок, элинин чын пайдасын көздөгөн адамдар эле. Жылда жазында же күзүндө ар болуштан бирден бий менен болушун шаарга үйөзгө чакыртып үй тиктирип, үйөзгө түшкөн чоң доонун арызы болсо карап көрүп бүтүр, – деп үйөз бийлерге тапшырат.

Бийлер акыйкаттап текшерип, үйөзгө караган элдин чыр чатактуу доолорун бүтүрүп, үч же бир жума туруп, элге чыгымсыз тарап кетчү. Эл дагы ыраазы болуп калчу. Кайтарында бий, болуштар, тилмечтерге, кичи помощникке кошомат кылып коштошуп, ат, акча жана айткан нерселерин берип туручу. Үйөздүн кызматкерлеринин бирөө айылга барып калса, губернатор келгендей болуп бүлүнүп калышчу. Үйөздүн жасоолдору тилмеч менен айылга барып, байлардан жакшы аттарын коркутуп алып, ичик, чапан, согумга семиз бээ, ирик кой алып кетишчү. Эл болсо бергендерин чыгым деп эсеп кылбастан балээден кутулганына сүйүнүп калар эле. Эгер сураганын бербесе, мени урду деп док кылып, болушка айтып чакыртып, болуш бир тогуз айып салып, жасоолго алып берүүчү.

Ал убакта эл жасоолдорду жана тилмечти үйөз гана эмес губернатордой көрүшчү. Эгер айылда бир кишинин жакшы жоргосу болсо, болушка айтып дароо алдырып минип алчу. Эгер бербеймин десе, зор балээге учуратып, акыры ал киши жоргосун тартууга берип араң кутулчу. Аны да саттым дедиртип, тилкат алчу эле.

Тилмеч, жасоолдор айыл үстүнө барганда өз билген оюндарын кылып, каалагандарын алып кетишчү. Үйөзгө даттанууга эч кимдин акысы жок эле. Эгер бир киши жанынан тоюп үйөзгө арызданса, үйөз болушка айтып, арызданган адамды аёосуз күнөөгө тартып, элге ибарат, үлгү болсун деп аячу эмес. Эгер бирөө арызданам десе, жаш-кары дебей, элдин баары аны: сен дагы бир балээге учураганы турасыңбы, – деп көндүрүп коёр эле.

Кыргыз эли ошончолук зордук, кордук көрсө да, ар бир аксакал карылар: журт деген сайдын ташы, эч ким түгөнгөн эмес, не болор дейсиң. Анчалык журтка зыян кыла албайт. Журтка зулумдук кылгандын өзү куурайт дечү. Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман эле. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес.

Кыргыз жерлеринде шаарлар жаңы курулуп, шаарда эл аз болуп, тыштан келген алып сатар соодагерлер шаарларда көбөйүп, кыргыздын табигый байлыгынан пайдаланып, наадан соодагерлердин кылган шумдугункуулугун көрүп үйрөнүп, кыргыздар да кыла баштады.

Өз көзүм менен көрүп, билгенимден үлгү болорлук бир мисалды жазайын: шаар, базар көрбөгөн бугунун мырза балдары жигиттерине жылкы жетелетип Караколдун базарына келип калышты. Базардагы соодагерлер, кызыл кулак далдалдар тегеректеп алып, мырзанын жылкысын өзү билген баасына алып, бул акчаңа эмне аласың? – деп сурап, керек буюмдарын угуп, эмесе сиз соода жайын жакшы билбейт экенсиз, соодагер деген куу болот, жалган айтып, алдап жеп коёт, – деп ээрчитип алып барып, өзүнүн дүкөнүндөгү пулдарынан аламын деген нерселерин, өзүнүн приказчиги менен буюмдун наркын талашкан болуп, кайсы бир пулду зордук кылып алган болуп, алган пулуна акчасы жетпей калды эле, аны мен төлөймүн деген болуп, андан өзүнүн үйүнө алып барып кондуруп, конок кылып сыйлап, эртеси кетеринде мырза: – кечеги дүкөнгө болгон насияма эмне алып келип берейин? – десе, жок, аны мен өзүм төлөймүн, сени менен кучакташып дос боломун, – деп бир бешмант кийгизип, бешмант көрбөгөн мырзанын төбөсү көккө жетип сүйүнүп, аяш апама деп жоолук, карындашыңа деп топу-мончок, куржунуна жержемиш салып берип жөнөттү.

Мырза өтө кубанып, чапкан бойдон үйүнө барып, алган пулун, жемишин көрсөтүп, айылдагы аксакал, катын-балдар жемиш жеп таң калып, кечеги алпарган жылкыңа ушунун баары келдиби? – деп сураса, жок, мунун жартысына да жеткен жок. Бир сарт жылкымды өзү сатып алып пулду да, дүкөнчү менен соодалашып, наркын талашып, урушуп дүкөнчүгө жедирбей алды эле. Ошондо да ушул пулдун жартысына араң жетти, – деди. Мен керек дегенимдин баарын акчаны өзүм беремин деп, алып берди. Өзү абдан жакшы байбача экен, үйүнө алпарып конок кылып кондуруп, абдан сыйлады. Мага мына бул бешмантты, атама, апама тигилерди, карындашыма тигини (мончок) берди. Бул жемишти да берди. Мени менен антташып тамыр болду. Дүкөнгө болгон насияма эмне алып келип берейин десем, койгун, аны мен эле төлөп коёмун деп болбой койду, – деди эле, баягы айылдагы чогулгандар, чур дей түштү да, – атаңдын көрү мындай да жакшы байбача болорбу? Мындай жакшы тамырдан мал аяп болбойт, – деп тарашты.

Ата-энеси: ант кудайдын аты деген. Жакшы достон мал аяган, үй үстүнө жоо келсе жан аяган ит болот. Өзү аяш жолу менен калтасын берген соң, соода жолу адаш жол. Ал бир бөлөк болот. Насыяны төлөтпө, мындан бир семиз бээни, өзүнө жоргону жетелеп барып конуп кел. Ата-энем сизди чакырды деп ала кел. Эшик-төрүбүздү көрүп, таанышып, сүйгөнүн алып кетсин, – деп баласын Караколго жөнөттү.

Баласы алып келгендерин тамырына берип, атасынын айткан саламын айтты.

Тамыры: сизге бир нерсе бердим эле деп, аркасынан кууп барганым, дагы бирдеме алганым адамгерчилик эмес го, – деп, канча кыстаса да барбай койду. Ошентип тамырын кайтарды. Баласы, тамырынын айткандарын ата-энесине айтты. Анда ата-энеси: Мындай уяттуу бала болорбу? Андай болсо, биз өзүбүз барып учурашып-таанышып келели, – деп бай-байбиче эки жаш баласы менен союшуна бир жылкы, эки чанач кымызын теңденип алып Караколдо аяш баласына барып түштү. Аяш баласы бүлүнүп-кондуруп сыйлап, эртеси баарына кийим-кече кийгизип, жана керегиңизди айтыңыз деп, о керек, бу керек дегенин баарын берип кайтарды. Ошондон баштап кошулуп, соодагер тамыры барганда элчи келгендей үй көтөрүп бүлүнүп, астына жорго мингизип, колуна куш кондуруп бир нече күн ууга чыгып, оюн-тамаша кылдырып, керек деген нерсесин берип Караколго жеткирип коёт. Мына ошентип сыйлашып жүрүп, «ажырашаар тамыр алдыга минген ээрдин кашын сурайт» дегендей, эби келбеген бир нерсени сурады эле, эч эби келбеген соң бере албады. Бир күнү бала соодагер тамырына барса, карабай тескери басып кетти. Баланын ичи муздап, ата-энесине айтып келди. Ата-энеси, – тили бурунун ниети буру, сартка айла канча деген ошол. Эби келбеген буюмду өзү билип туруп, шылтоо кылып кудайдан коркпой ажырашканы жүргөнү ошонун атасынын көрү. Анын кыялына караба балам, айтканын алпарып берип, антыңдан кутул. Ант ошо сарттын өзүн урсун деп, алпарып берсе: биринчи сураганда бербеген нерсеңдин эми кереги жок, – деп тескери басып кеткенде, амалы түгөнүп, кайта үйүнө кетет. Ошентип куу соодагер сарт куулук шумдукту билбеген кыргызды алдап, жеп тойгондон кийин чыга берген.

Шаар жыл өткөн сайын чоңоюп, шаарда орус улуктары: үйөз, судья, пристав, военный төрөлөр, соодагерлер, алып сатар далдалдар да көбөйдү. Жери байдын эли бай дегендей, орус улуктары аябай байыды. Орус улуктары кыргыз менен иши жок, кыргыздар улуктар менен иши жок, ар күнү бири-бирине конокто болушуп, улуктар кеңсаларына бир жумада бир келип, келбесе сыйлуу конокто болуп ичип-жеп жата беришти.

Шаардын ичине келип, көчөдө жүргөн кыргыздарды, үйөздүн жасоолдору уруп-сабап аттарын жыгып минип, үйөз чыгып келатканын көрө калса, жүргөн кыргыздын баарын катар тизип тебетейин алдырып коёт. Качан үйөз узап кеткенде кана эми баргыла деп коё берет.

Кыргыздардан кимдир бирөө тебетейин албаганын үйөз көрүп калса, ошол замат жасоолун чакырып, тиги тебетейин албаган кишини абдан урдуруп, анан коё берчү. Бир эле үйөз эмес, башка дагы орус улуктарына дагы ошондой кылчу эле.

Андан башка, базарга ар тараптан эл сотуна кой-эчки, жылкы, уй, тери, кыл, жүн жана ошол кездеги боз үй жабыктарын, ат жабдыктарын алып келип базарга кирери менен, шаардагы жыйылган куу соодагер, далдалдар тегеректеп алып, бир далдалы: бул мал кимдики?

  • Меники.
  • Канчага сатасың, баасын айт?
  • Билбеймин тиги билет. Тиги кишиден сурайт. Мал ээси сата турган өзүнүн дитин айтса, анда далдал: Ой, сен дөөдүрөп оозуңа келгенди айта берет экенсиң. Жылкың 5 сом, коюң беш кокон, козуң үч кокон (кокон – 20 тыйын) жана башка өлүү буюмдарга да баа коюп… Мына акчаң алгын,– деп шаштырат. Мал ээси өзүнүн дитиндеги наркы болбогондон кийин, малын сатпайм деп талашса, соодагер далдал, кызыталак, муну карачы, – деп жакалап, ура баштаганда базардагы адамдар,– ой далдал, сизге эмне болуп кетти,– деп турганда, политсия келип жакадан алып, уруп сүйрөгөндө, баягы соодагерлердин бир аксакал болумушу келип арага түшүп, политсия менен сүйлөшкөн болумуш болуп, малдын ээсин ажыраткан болуп, политсия менен сүйлөшүп мынча теңге алып берейин деп, мал ээсине муну берейин деп политсияны араң көндүрдүм деп, бир каранын пулун бер десе, бети-башы кан болуп таяк жеп өлгөндөй болгон байкуш: айланайын бай аке, мал курусун беремин, куткарып алыңыз, өлбөсөм мал табамын, – деп жалынганда, менин бул жакшылыгымды билбей дагы кыргыздыгыңды кыласың го,– десе: – Жок, айланайын, кудай урсун, – деп ант кылган соң, макул эми, сен билбесең кудай билсин, бечарам, сенин бир кашык каныңды бул капырдан куткарайын, – деп политсияны ар жакка алып барып сүйлөшкөн болуп, дагы бир нерсе берген болуп, – мына бечарам, мойнунан кучактап жатып араң көндүрдүм. Бул базардагы далдалдын баары митайым, сени талап жеп коёт, малыңды мага бер. Мен өзүм сатып берейин дейт. Анда ал жердеги малын сата албай турган кыргыздар: айланайын бай сопум, биздикин да сатып бериңиз. Саткандыгыңыз үчүн да акча алыңыз, – деп малын бай соодагерлерге беришет. Ал соодагер малды сатып турганда, дал базардагы далдалдар: «Ой кыргыз, малыңды канча теңгеге сатасың? – деди. Малдын ээлери: биз баарыбыз бул сопуга бердик. Ушул киши сатат дешти. Куу далдалдар: ой кыргыз, сен малыңды өзүң сатпай башка кишиге берип саттырып, базарды бузуп, малыңды туура сатпай, бир митайымды бай-сопу деп, баарыбызды мушташтырмак болгон экенсиң, – деп келип жакалаганда, тиги сопу – кана, бул менин кыргызым. Мал алсаң мына менден ал, – деп урушуп, жулунуп политсияга, приставга чейин барып айтамын, – деп турганда, бир канчасы келип ортого түшүп жалынып-жалбарган болуп турганда, баягы бечара кыргыздар коркуп: бизди куткарып жибериңиз, айланайын сопу, сиздин жакшылыгыңызды унутсак, бизди арбак урбайбы. Жакшылыгыңызды эки дүнүйөдө унутпайбыз дешти. Анда бай соодагер бир аз жумшара түшүп: Эй бечаралар, силер коркпой турсаңар, бул митаамдарды приставга айтып бая эле абактыга жаткырат элем. Силердин айтканыңардан токтолуп турбаймынбы дегенде: айланайын бай, анда биздин күнүбүз эмне болот? – дешти. Бай: эми болуптур деп, ортодогу далдалдарга, – силер ортого түшкөн соң койдум деп, – жүргүлө бечаралар, бул малды мен өзүм аламын деп, үйүнө ээрчитип барып, тамак берип, сыйлап, – эми бу малыңарды эмне кыласыңар? – дегенде: кудай билсин, өзүң бил, бербей алып калсаң да, биз эки дүнүйөдө ыраазыбыз. Ушул кылган жакшылыгыңызды унутпайбыз. Эгер сиз болбосоңуз жанагы капырлардан башыбыз сотко кетип куурабайт белек. Өзүң тирүү болсоң, сизден колубузду үзбөйбүз,– дешет.

Андай болсо, кудай деген силердей момундардын акысын жеш арам болот. Биз ыйман жолундагы кишибиз. Кана эмне аласыңар? – дейт. Ар кимиси өз керегин айтып бергенде: жүр деп, өз дүкөнүнө ээрчитип барып, өзүнүн приказчиги менен абыдан талашкан болуп, алган малынын үчтөн бирине гана пул берип, мынча акча болду деп, силерде калган насия акчаны мен төлөймүн, эми жасоолдон аманыңарда жөнөгүлө деп, короосунан чыгарып, мурун сүйлөшүп даяр кылып койгон жасоол мындай узаар менен кармап алып сабап айдап алпарып үйөздүн короосун тазалатып коёт. Бир күн өткөндөн кийин, бай барып: жасоол аке, бул кишилер менин тамырым эле. Бул кишилер кыла турган ишиңизди мен кылайын, – деп мойнун кучактамыш болуп, жалгыз алпарып сүйлөшүмүш болуп, акча берген болду. Анда политсия: сиздин кадырыңыз үчүн бошотуп бердим бай, болбосо буларды үч күнү бок ташытат элем. Бай, буларыңызды бошотоюн дейт. Бай бечара кыргыздардын калган-каткан, тыйынтыпырын политсияга алып берип, политсияны жөнөтүп жиберип: бечараларым, жанагы жасоол капырга айла жок, эми тиги кеткен көчөнүн жолу менен кеткиле, – деп жөнөткөндө, кыргыйдан кутулган торгойдой кара жолдон башка талаа менен чаап жүрүп отуруп үйүнө жетип, дем алганда, айылдагы кары-жашы баары келип: аман-эсен келдиңерби? – деп сураса: аман келгени курусун, ушундай бир жакшы байдын аркасы менен аман кутулдук, ал болбосо, биз силерди көрбөйт элек. Дагы жалынып жатып араң токтоттук. Болбосо чоң улугуна да барып тартынбай айтышып, баарын кыйратып салчу кадырлуу баягы Манастай эле мыктынын өзү экен. Ал түгүл жасоол да айтканынан чыга албайт экен. Ошол кишинин аркасы менен аман келдик. Өзү кудай деген момун адам экен, кишинин акысынан корккон.

  • Биз ыраазыбыз, баарын алсаңыз да алыңыз десек, кишинин бир тыйын акысын жесе арам болот деп, баарын өзү алып берди. Бир дүкөнчүгө баарыбызды алып барып, керегиңердин баарын алгыла, жетпегенин мен өзүм берем деп, бир тыйыныбызды жедирбей кайтарып жиберди деген соң: уучуң узагыр экен деп, баары чуркурап, ошондой сопу кишиге, алса атыңарды берсеңер деле аздык кылбайбы. Абдан тааныш болуп алдыңарбы? – дегенде: Тааныш түгүл үйүнө кондуруп сыйлап, кичи пейил киши экен өз бир тууганындай болдук, – дешкенде: балдар, ошол кишиден колуңарды үзбөгүлө, мындан кийин базарга барганыңар жолугушуп, алпарган малыңарды ошол кишинин колуна берип, соодаңарды кылып жүргүлө, катын баласы болсо, базарлык ала барып бергиле. Баягы өзү берем деген насия акчаны да бергиле. А кишини колуңардан чыгарбагыла деп таркашты.

Андан соң ошол жердеги бир аймак эл, куу бай соодагердин кыргызы болуп калышчу. Ал айылдан көргөн кыргыздарды соодагер: бул менин кыргызым, – деп айтчу. Ал айылдан базарга мал алып келгендер ошол соодагердин колуна беришчү. Алардын малына башка соодагер, далдалдар киришпейт.

Казынага төлөй турган налог акчаны да, ошол бай соодагерден алып төлөп турушчу.

Эгер бирөө жаңылып, башка бир соодагерге малын сатканын билип калса, бай соодагер анын үйүнө барып урушуп, малын кайта алып берип, малды өзү сатчу. Бул бай соодагер, кыргыздан алган малдарын башка шаарларга айдатып саттырып, эки-үч жылдын аралыгында миң кой, жүздөгөн жылкы, дагы бир топ уй күтүп, аябаган бай болуп калды. Шаарга жакшы үй салып, абдан келиштирип короо-сарайды жасады. Башка шаарлардан пул (кездеме, мата) алып келип, өзүнүн кыргыз айылына алпарып, өзүнө ишенчиликтүү бир аксакалдын үйүнө түшүрүп, насыя деп кыргыздарга берип кинегесине жазып коёт. Насия пул алган кыргыздар өз убагында төлөй албай калса, бир кой үчүн эми эки кой төлөйсүң, – деп кинегесине жазып коёт. Ал ташка баскан тамгадай, кыргыздар кыңк этпей төлөп беришет. Эрки менен ичкен-жегени байдан, үйөздөн тартып жасоолдорго чейин. Бай болсо, бир кез матасын эки эсе ашырып кыргыздарга сатып турат. Ал кезде, талаадагы көчмөн кыргыздар ата-уулу болуп, айыл-айыл болуп бир нече аймакка бөлүнгөн. Ар бир аймактан Каракол шаарында бирден бай соодагери бар. Бирден карманган жасоолдору да бар. Бай соодагери болсо үйөздүн улуктарын, пристав, сот жасоолдорду колуна алган.

Бай соодагер өзүнө караштуу бир аймак кыргыздын базарга чыгарган малына, өлүү буюмдарына кожоюн болуп сатып турат. Ошол аймактагы кыргыздарга керектүү буюмун, кездеме, матасын өзүнүн дүкөнүнөн сатып берип турат.

Кандайдыр бир кыргыздын башына бир мүшкүл иш түшүп калса, өзүнүн бай соодагерине, жасоолуна барат. Бай соодагер менен жасоол улуктарынын тилин, законун жакшы билишет. Улуктардын баары бай соодагер менен жасоолдун айтканына ишенет. Алардын айткандарын кылат. Кыскасы, кандай чыр-чатак иш болсо, ошол бай соодагер менен жасоол чечет. Башына мүшкүл иш түшкөн киши тигил экөөнүн жолун кылып, көп дүнүйө берет.

Кыргыз журтунун бактысына дагы бир иш болду. Кыргыздын кээ бир чоң байларында, эски замандан калган калдык – кул, күң бар эле. Алар жылкычы, койчу, отунчу, үй кызматчысы болуп иш кылучу. Жана да ал кезде элге батымы-сыйымы жок бузуктар, тентектер бар эле.

Орус падышасына караган соң, падыша өкүмөтү кыргыз элине буйрук таратты: кул менен күңдүн башы ачык. Кимде-ким башын ачпай, кул менен күң кармап жүргөн болсо, кул менен күңдүн ээсин кармап, малын казынага алып, өзүн тешкен тоого айдап жибер,– деген.

Мына ушул жарлык, мылтыктын огундай бат эле калкка угулду. Бул кабарды уккан соң, ар ким өзүнүн кул, күңүнүн көзүн карап, энчисин берип, мындан ары тапкан малы өзүнүкү кылып койду. Андай кылбаган байды шаардагы бирөө көрүп калса, дароо жасоолго келип айтып, аны жасоол кармап алып: Сен падышанын буйругун бузасың деп, абдан уруп, атынан ажыратып, жасоол, тилмечи менен байдан керегинче алып, бошотоор эле.

Бай үйүнө келип ай туяк айтып, айыл-апасын бүт чакырып, малын союп, элге тамагын берип, тешкен тоого айдалбай аман калганына сүйүнүп, кулунун энчисин берип, эми кайда барсаң эрк өзүңчө деп жиберет. Айыл ичинде бири-бирине кектүү болгон кишилерди угуп, бир киши башка бирөөнүн баласын асырап алган болсо да, жасоол менен тилмеч ал кишиге барып, бул бала сенин кулуң экен деп коркутуп, андан билгенинче алып, олжо кылып кайтар эле.

Кайсы бирөөнүн эки катыны болсо, күйөөсү менен тең эмес, жаш токол катынын бузуп, энчисин алып берип, тигип отурган үйү менен көчүрүп жиберди. Аз эле күндүн ичинде жүз чамалуу ак үйлөр тигилип, Каракол шаарынын тегерегине толуп кетти. Буларга бүтүн шаардыктар төрт түлүк малын бактырып, ар кайсы айылын башка-башка кондуруп, кул, күңдөрдүн турмушу абдан оңолуп калды. Мурунку бай, байбиче бала-чакасы менен кымызын артынып, союшун жетелеп, баягы кулунун үйүнө алып келип, өз жаны үчүн жалынып, кучакташып көрүшүп, кулдарын кондуруп сыйлап, бай, байбиче балачакасына, малын баккан шаардын кожоюндарынан алып келип беришип, кайтышаар эле.

Баягы бай ордуна анын баягы кулу бай болуп, байга караган жамаатынын баары байдын этегин кармап, Караколго барган бий, болуш, атактуу кишилеринин баары ошонукуна конуп, базарга барган кара букаларынан же бир бышыгыраагынан кандайдыр бир жаңжал чыгарса, аны атактуу аксакалдарына сүйрөп келип, бул акмагың ушундай жаман иш кылды, мунун бийлигин өзүңүз кылыңыз. Эгер тиги турган жасоолдун колуна берсем, эмне болоорун билесиз, – дегенде: аксакал, алдыңа атын тартып, үстүңө бир чапан жапсын, мунун айыбы ушул болсун, – дейт. Анда: аз да болсо айла канча? Сиз бүтүргөн соң чапанды сиз кийиңиз, атын дагы алып берерсиз, – деп бүтүшөт.

Аксакал кылмыш кылган тиги бечараны чакырып алып: эй байкуш, ушинтип, сени бул балээден куткарып албасам болбой калды. Эгер сени политсиянын колуна берсе, куткарып алуу менин колумдан келбейт. Орус алып барып тепкилеп, чала өлүк кылганын өзүң билесиң го, мал курусун, ошондой кордукту көргөнчө, ат жаныңдан айлансын, алып келип бергин, дегенде «ырас айтасыз» деп, жалгыз атын алып келип айыпка берер эле.

Ал эми аттарын айыпка берген бечара кыргыз кутулганына сүйүнүп, базардан унаа таппай учкашып-чиркешип үйүнө келишчү эле.

Мына ушундай зордукка каршы чыгууга көчмөн кыргыз элинин бий, болуш, баатырларынын да колунан эч нерсе келчү эмес. Ушундай кордукка чыдай албай бий, болуш, же бир кайраттуу адамы үйөзгө даттанып барып калса: сен бир акмакка адыбакет (адвокат) болуп жүрөсүңбү?-деп аябай сөгүп, түрмөгө жаап койчу. Абдан тобо кылдырып, анан түрмөсүнөн чыгарчу эле.

Жогоруда жаздым; шаарда үйөздөн жасоолго чейин, шаардагы соодагер, далдалы болуп баары бир жан, бир пенде эле. Мындай кордукту бүткүл журт билчү эле.

Калаадагы орус мужуктарынын, соодагер байлардын зордугун айтып, бий, болуштар үйөзгө барса, үйөздүн көзү чанагынан чыгып, үстөлдү муштап, күпүлдөп бергенде, барган эл кенсалардын бир бурчуна ыктап, тыгылып турушчу.

Политсия жасоолдор шилиге муштап, колун артына кайрып кармап, будуң-чаң дүбүрөтүп, политсиянын үйүнө алып келип, чөнтөгүн аңтарып, сумкелерин, бычактарын алып, үйгө камап сыртынан бекитип коёт.

Тилмеч, политсия, жасоолдун жолун кылып оюндагыны тапса ошол күнү политсиянын үйүнөн чыгарып жиберет. Эгер тилегенин бүт бербей сараңдык кылса, политсиянын үйүндө ошол түнү тепкилеп, малынан аша кечирип, эртеси тыштагыларына: мал курусун, акча таап келип бизди куткаргыла. Бүгүн түнөсөк бизди өлтүрөт, – дегенде тыштагы кишилери базарга барып, тайга-койго көтөрүп акча алып, акчаны, политсияга берсе ошол замат бошотуп жиберет.

Бүтүн шаардык улуктар, тилмечтер, төрөлөр политсия жасоолдор, жадегенде соодагер далдалдар да минтип айтар эле: тоо-таштардын арасында кийикке окшоп жүргөн, жапайы айбан. Булардын малынан башка, өзүлөрүнүн кереги эмне? Мына, көчмөн кыргызды ошончолук кордогон.

Шаардагы бай соодагерлердин малы болсо, айылдагы кыргыздардын колунда багылуу, өлбөйт да жоголбойт. Орус мужуктары болсо Каракол үйөзүнө караштуу жердин эң жакшысын тандап орношуп, эгин сээп, чөптүн жакшысын тандап чаап, ошол жерге үймөк-үймөк кылып үйүп коёт. Ал үймөккө мал сөйкөнүп, же мал жегени билинсе, анда бечара кыргыздар жаткан ажыдаардын куйругун баскандан да жаман кутулбас балээге калды дей бериңиз. Мужуктардын корук жерине кыргыздардын малы барып калса, малдын баарын айдап алып барып короосуна камап, малына барган кыргыздарды уруп, жакшы аттарын кармап минип, кыргыздын бирөөн болушуна жиберип, болушу келсе аябай боктоп тилдеп: биздин корук жерибизди малына тепсетип койду. Элиңди башка жакка көчүрүп кет. Болбосо Караколго барып үйөзгө айтып, сени болуштуктан түшүрүп, түрмөгө салдырам, – деп болушту коркутуп, болуш коркконунан мужуктардын старчыны менен сүйлөшүп көп акча, бир-эки бээ берип кыргыздардын малын араң бошотуп берүчү. Ал кезде акча табуу өтө кыйын иш эле. Малдын баасы арзан; чыгаан күлүк, ашкан жорго болбосо, башка жылкы (чоң) он эки сом, бышты тогуз-он сом, кунан 6–8 сом. Тай беш-алты сомго таратып тандап алчу эле.

Аштык мужуктун жеринде эң эле көп болгон. Аштыгын оруп-жыйып алгандан кийин аңызын өрттөп жиберүүчү. Жалаң эле эгин эгип тим болбостон жылкы, уй, кой, эчки багып, башкача айтканда, төрт түлүк малдан кур эмес; мужуктардын байлыгы ашып кеткен.

Мужуктун малын баккан жергиликтүү кыргыздар болгон. Ичкилик жактан чалыш аргымак айгырларды алып келип үйүргө салып, күлүк туудуруп, ал күлүктү кыргыз саяпкерине бактырып, чаптырып, кыргыздарга кымбат баага сатуучу.

Эми ушул айтылган сөздөр үлгү болорлук болду го деп ойлоймун, неге десеңиз бүтүн кыргыз тарыхында болгон окуялардан, кулагым уккан, өз көзүм менен көргөн, көңүлүмдө калган окуяларды баяндап жаздым.

Мында жалгыз гана Ысык-Көл оёзундагы бугу элинде болгон окуялар жана анын тарыхый жагы көрсөтүлүп жазылды.

Орус падышасынын эң оболу кыргызга өкүм жүргүзгөн саясатынын белгилүүлөрүнөн

Орус падышасынын эң оболу кыргызга жүргүзгөн саясатынын белгилүүлөрүнөн ошол убактагы элдин айткандарынан жана өз көзүм менен көргөндөрүмдөн бир аз жазамын. Алматы шаары Жетисуу облусунун киндиги болуп император Колпаковский болуп турду. Ал батыш тарабынан Олуяата шаары, Талас, чыгыш тарабы, Ат-Башы – Нарын, Ысыккөл кыргыздарын сурак алып турган. Аз эле жылдын ичинде орус падышасы Россиядан көчүргөн орус мужуктары мусулмандардын арасына жашынган орус солдаттары, качкан ар түрдүү адамдар, Түркстандын ар түрдүү шаарларына соодагерлери, молдосу, кожосу, сопусу болуп, жакшы-жаман, билимдүү-билимсиз кишилер жаңыдан курулуп жаткан шаарларга толуп кетти. Көчүп келген мужуктар оболу Олуяата шаарынын тегерегине орношуп, кыштак салып, ал жердеги кыргыз-казактарды сыйлыгыштырып, жерлеринин жакшысын тартып алышты.

Андан кийин көчүп келген мужуктар Кара-Калта, АкСуу, Сокулук, Пишпекке чейин орношту. Алматы шаарынын тегерегиндеги жакшы жерлердин баарына мужуктар паселколорду салып жиберди. Ысык-Көлдүн күн чыгышы Караколго чейин жетип келишти.

Азиянын күн чыгыш, түштүк тарабы Кытай чегине чейин жеткен.

Ошентип, күн батыш Европа падышалары, орус мужуктарын эркин көчмөн болуп жүргөн казак, кыргыздардын ичине киргизип жиберген.

Орус падышасынын тажысына кондурган алпкаракуштун уясынан учуп, Азиядагы казак, кыргыздын кең талаасы, ата-конушун аралаганда, көлөкөсүнөн чочуп, үч жүздүн кандары эли менен, ата-конушун таштап ТяньШань тоосуна карай ыктаган эле. Амалы жок, качалбай Эдил-жайыктын ортосунда камалып Бөкөйкан эли менен орус падышасына карап берген эле. Баягы үч жүздүн кандарынын эң күчтүүсү Абылайкан бүт эли менен Балкашка келип, кыргыздын Ала-Тоосуна таянып, кыргыз элин чаап алып, кыргыздын жерине ээ болуп калуу анын оюнда бар эле.

Кез-кезде кыргыздар менен чабышып, колго түшкөн кыргыздарды Көкчөтоого чогултуп отургузуп, атын жаңы кыргыз коюп, ошол кыргыздар кан, төрө тукумдарына Төлөнгүт деген ат менен тарап кеткен. Ошол кыргыздардын тукумдары азыр Жайык жакта турат. Он сегизинчи гасирдин (кылымдын) биринчи жартысынын аягы ченде, Абылайкандын неберелери Кененкан иниси Норузбай нечен миңдеген кол менен келип, кыргыз менен чабышып, солтодон Калпак баатырды колго түшүрүп өлтүрүп, Чүй тарабындагы элди чаап олжолоп кетти, дагы бир канчаларын колго түшүрүп алып кетти. Ошону менен канагаттанып тура бербей, дагы кайта келип чабуул жасаганда, кыргыздар кабарлашып, сарбагыш Ормонкан көп колу менен келип, Чүй боорундагы солтодон Олжоболот, Жангарач баатырлар көп кол курап, казак менен бир нече күн урушкандан кийин, казактын колу чегинип качат. Ошондо кыргыздар Кененкан менен  Норузбайды кууп кармап, колго түшүрүп өлтүрөт, колун чаап, олжо кылат.

Алпкаракуштун канатынын көлөкөсүнөн коркуп ата конушун таштап келген үч жүздүн күчтүү кандары ушундай болгон экен.

Алпкаракуштун (ошол убактагы орус падыша өкүмөтүнүн герби – белгиси) канатынын көлөкөсүнөн коркуп качкан үч жүздүн кандары падыша өкүмөтүнө багынып туруп берди.

Жери жакшы, суусу мол жерлерди көчүп келген орус мужуктарына берди. Кара канатынын көлөкөсүнүн астына чогулган, ар тараптан келип шаардык деп аталган жырткыч адамдарды канаты менен калкалап, көк тунуке менен жаап үй салдырып, шаардын көркүн чыгарып, кыргыз менен казакты чак түштө талатып турган.

Үч жүздүн эли Ала-Тоодон аша албай, кыргызга келип такалып турган. Алардын жерине Алматы, Олуяата шаарларын орнотту.

Ал убакта биздин кыргыздан чыккан акын ырчы маркум Арстанбектин айтканы эң эле туура келди. Арстанбек орус келбестен ондогон жыл илгери, орусту көрбөй туруп айткан. Же ошол мезгилде кээ бир угулган кабар болгонбу, ошол кабарды угуп айтканбы, эч бир бугунун аксакалдары айта албады.

Бугунун аксакалы, билерманы, Арстанбекти көргөн кишилер, жакасын кармап: – кудая тообо, бизди ушундай күнгө туш болорубузду кантип билди экен, – деп коёр эле.

Бала убактымда өзүм да ырын угуп жүргөн элем. Кийин орус өкүмөтү келип өкүмүн жүргүзө баштаганда бугунун аксакал жакшылары айтаар эле: Арстанбек биз орусту көрбөгөн, билбеген убакта, ушул орустун келерин, келгенде кылар ишин баарын айтчу эле. Биз ал убакта ишенчү эмес элек. Эми өз көзүбүз менен көрдүк. Айткандарынын баары болуп келе жатат. Муну сен кандай билесиң? Олуясыңбы? Же сенин оозуңа шайтан түкүргөнбү? – десек, Арстанбек күлүп, баарыбызды шылдыңдап, шашпа, көрө элегиңер али көп, ага чейин өлүп, көрбөй кутулуп каларбыз. Боло турган замандын түрү курусун. Бизден калган балдардын көргөн күнү не болот, – деп коёр эле дешип сөз кылышчу.

Ак падыша кыргызды каратып алган соң Ысык-Көлдө Каракол шаарын кура баштаганда жүргүзгөн саясатын мурун жазган элем. Эми баягы Кулжа мамлекетин ак падыша өзүнө каратып алган соң, Кулжа шаарынын түштүк жагында Кайнак үйөзүн Алматы үйөзүнө кошуп, Карашаардан бери карата орус падышасына карап турду.

Ал убакта эл куулук-шумдук билген эмес. Орус өкүмөтүнө карабаган кезде кандай болсо дагы эле ошондой момун эл эле. Падыша өкүмөтү эмне сураса, ошону берип турушкан. Өкүмөт адамдары бай болду. Өкүмөттүн аркасы менен орус мужуктары жердин жакшысын тандап, поселка салып, тандалма жакшы жерлерге аштык айдап, чөптүн жакшысын чаап, баарын корук кылып абдан бай болду.

Кыргыз эли падышанын алык-салыгын төлөп, эч нерседен кабары жок жыргап жатканда Кытай менен Орустун ортосунда уруш болот экен, кыргыз, казактарды Текестен айдап, Көлгө түшүрөт экен, – деген кабар бардык элге бардеңкенин огундай тийип угулганда, журт бүткөндүн баарысы, айласы кетип: Баарыбызды көлгө камап кырып жибереби? – деп коркуп, баш-аягы чогулуп, эмне кылабыз деп, жаңы эл кеңешмесин баштаганы жатканда Көлдөн Кризнов деген пристав бир канча политсиясы менен келип, ал жактагы элдин жүрөгүнө тийген Чоңбоку деген жасоолду алып, Кайнак үйөзүнө караган казак, кыргыздарды айдап көчүрүп, Текестин киргил сууларынан кечирип, Текестин башындагы Үчкайкакты ашырып, айдап жүрүп олтуруп, Көкжар, Сарысаз деген жерге чыгарып таштады.

Албан казагынан Кожоке баатыр деген киши үч жүз түтүн менен, – мен Кытайга караймын, – деп көчпөй калды.

Текестен казак, кыргызды көчүрүп келген соң Нарынколго чогулуш болду. Пишпектен Шабдан баатыр бир нече бий, болуштары менен келди. Алматы үйөзүнө караган казактын бий, болуштары жана Кайнак үйөзүнө караган элден да атактуу кишилери келди.

Ак падыша тарабынан губернатор жиберген көк ала сакал, казакча сүйлөгөн киши экен, көзүн чакчаңдатып: Текестен көчпөй калган казак, кыргызды өзүм барып чаап аламын, – деп катуу сүйлөдү. Ошол эле күнү Кулжадан Кытайдын чоң улугу эки жүз солдаты менен Нарынколго келип чатырын тигип конуп жатышты.

Кыргыздан Балбай баатырдын иниси Тагай баатыр деген киши: «Мен Кытайга караймын», – деп чыкты эле, ага Байсерке деген кишини кошуп, Нарынколго бир жыгач үйгө камап таштады.

Талаага бир чоң боз үй тиктирип, үстөл койдуруп, губернатор беш казак орусу менен, Чаңжуң (кытайдын улугу) беш черүүсү менен үйгө киришти. Губернатор менен Чаңжуң үстөлгө олтуруп, казак орус менен черүүлөр аягы менен тик турушту. Бир сааттан ашык сүйлөшүп бүтүшө албай, бири-бирине булкулдап тышка чыгышты. Бир аздан соң губернатор беш киши менен Кытайдын чатырына барып түшүп конок болуп келди. Андан кийин Чаңжуң төрт киши менен губернаторго келип конок болуп кетти. Кыскасы, анын эртесинде Нарынколдон алты чакырым алыс жерде Токой – Тулагай деген жерди чек кылып, Кытай кароолун коюп тарашты. Баягы Текестен көчүрөп, Сарыжазга кондурган элди бир ай өткөндөн кийин дагы көчүрүп көлгө алып келди. Кытайлар болсо Жаркент үйөзүн ачып, Кайнак үйөзүнөн Жаркентке көчүрдү.

Мындан үч миң жыл илгери Кыргыздын күн чыгыш Сибирде Энесай өзөнүнүн боюнда, түпкү ордо шаарында калган кыргыздардын урууларынан эсимде калгандарынан бир аз жазып өтөйүн.

Ушул үстүбүздөгү жыйырманчы кылымдын биринчи жылдарында Кытайдын ичи бузулуп, Баксир бузугунан Кытайдын каны качып, Германиянын элчиси Бакаличти кытайлар өлтүрүп, он бир кеме менен аскер барып, кытайдын шаарын чаап талап жатканда Стамбул калипасы бир элчисине молдо дипломатын кошуп Кытайга жиберген. Не үчүн дегенде: Кытай ичинде сексен миллиондон ашык мусулман бар, Кытайдын чатагына кошулбай тынч тургула деп айттырат.

Стамбулдун элчиси кытайга барып, мусулмандар менен сүйлөшүп, андан Токиого (Японго) барып, кайра кайтканда темир жол менен келатса, орус улуктары поезден түшүрүп коёт. Ошол жерде кыргыздар бар экен. Алар келип саламдашып сүйлөшүп турса орус улуктары көрө албай Стамбулдун элчисин уруп, ызалантып кыргыздарды кууп, таратып жиберет. Элчи шаардагы губернаторго барып сүйлөшүп, бир апта турууга уруксат алып, дагы кыргыздарды чакырып алып сүйлөшүп, байыркы бир өткөн замандагы жазылып калган кагаздарды кыргыздардан жыйнап алып Стамбулга барганда, элчи барган иштери жөнүндө бөтөнчө кыргыз жөнүндө чоң жыйналышка калипага айтып берген экен.

Ошол убакта тарыхты жакшы билген адамы бир канча кагазга жазып, «Хикаят» деген кезитине басып тараткан эле.

Мындан бир миң эки жүз жыл мурун атактуу падышалардан чыгышта Кытай, батышта Рим падышасы эле. Ал эми экинчи орундагы падышалардан өзүнчө падыша болбосо да Кыргыз падышалыгы деген Стамбул түрктөрүнүн тарыхчыларында бар экен.

Тарыхчы Бахиб Газым деген кишинин биринчи китебин алган элем, жана 1927-жылы татарлардын Сибирде жазган бир комсомол кабарчынын жазганын окудум. Энесай дайрасынын жогорку агымында, Алтай тоолорунда жайгашкан Хакастар өлкөсү бар экен. Алыкан деген мындан башка эртиш татары, хакастардын татары деп жазган башка-башка үч автономиялуу облус деген. Жогорудагы түрктөр айткан, хакас кыргызы деп айтканы, азыркы татар, хакас дегени ошол кыргыздар болсо керек.

80-жыл болсо керек, Кулжаны Кытайга сатып, казак-кыргызды айдап Ысыккөлгө түшүрүп, кыргыздын күн чыгыш чегин Түптүн суусу кылып, Түптүн жанында болуштардын шайлоосун кылды. Баягы Нарынколдогу жыйындагы генерал Пириди Корковский деген ЫсыкКөл үйөзүн түшүрүп, Караколдо он жылча судья болгон Колпаковский губернатордун иниси Иван Алексеевич Колпаковскийди үйөз кылган эле.

Бул үйөз мурунку тартипти бузуп, Ысык-Көл, Нарын, Ат-Башыдан бери тартып, кыргызды аралаштырып, урукурукка бөлүп, миң үйгө толгон урукту бир болуш кылып, миңден ашыгын кесип, ар урук менен кошуп бир урук кылган эле.

Ошондо Ат-Башыдагы черикти эки болуш, Нарындагы моңолдор, тынымсейитти ар жерде чачылгандарын кошуп эки болуш кылды. Күңгөй, тескей эки жагындагы саякты эки болуш, Көтмалдыдагы сарбагыш, надырбек, таздар деген элге Салмакеден Тогузбай деген элди кошуп бир болуш кылды. Жана Салмакеден Карач баатыр, Жаркындан Өмүрзак баатыр кошулуп бир болуш Күрмөнтүдө майда белек деген эл бир болуш, Кеңсууга Алыбай, Шапак бир болуш, Түргөн, Семизбелге Арык эки болуш, Барскоондо Бапа – Желдең бир болуш, Тоңдо Кыдык бир болуш болуп турушту.

Эми Жетөгүз элине азыраак токтолмокчумун: неге десеңиз жогоруда жазылып айтылган эле. Белектен Бирназар уругу күңгөй-тескейдегиси бири-биринин үстүнө барбаймын деп, Чыныбай баатыр болушка толбой калып, улук да, үйөз да, Чыныбайдын көзүн караган кез эле. Үйөз менен акылдашып олтуруп, ал заманда Арык, Белек, Кыдык, Желдеңдин ичине сиңип кеткен беш, он түтүндөн ысымы бар, жысымы жок Коңурат, Дөөлөс, Саруу деген уруулардын бир-экиден аксакал кары кишилерин колго алып, алардан сурап жаздырып эсебин алып, миң түтүнгө толуп, Жетөгүз бир болуш болду.

Ошондо бүтүн бугу Чыныбай болушка толбой башкаларыбызга келип кошулат деп шылдыңдап күлүп турган эле. Баягы ата-бабасынан бери кулданып жүргөн байлар үч урукту бузуп чогулушуп, Чыныбайдан ажырагын, алып кетебиз деп, чуркурап үйөзгө барып арыз болгондо үйөз арызын укпай кууп жиберди. Баягы букара болуп жүргөн кулдар, – байларыбыздан ажырабайбыз, – деп чогулуп арызданышып үйөзгө барганда, үйөз жасоолдорго сабатып кууп жиберди.

Үч урукту жасоолдорго сабатып, айдап көчүрүп алып келип, Жети-Өгүздө Чыныбайдын үстүндө шайлоо өткөрүп, жети ыстарчын кылып, Чыныбайдын Алышпай деген инисин болуш кылды.

Мураталынын уулу Кулунчакты сени болуш кылам деп жүрүп куру таштаганга Тилекмат уулунан башка Бирназар, Коңурат уругу менен кошулуп, Чыныбай менен жоолашып, Дөөлөс, Саруу Тилекмат уулу менен биригип, эки жылча элдешпей жүрүп, Мураталы уулу Күңгөйдөгү Кеңсуудагы Аалыбай уулу деген тууганына чыгып кетти. Коңураттан бир да киши жиберген жок.

Ал убакта Тилекмат уулу жүзчө бар эле. Булардын ар кимиси, саруу, дөөлөстүн байлары менен куда болуп, бирине конуп, бирине түштөнүп, жакшы аттарын сурап минип, сулуу кыздарын алып, карчыга туйгундарын салып жыргап жүрдү. Коңурат уругунда Чырак тамга уулу дегенде, Ажыбек, Карабек деген ага-ини кишиде миң жылкы, жыйырма бир миң кой бар эле. Аны Чыныбай баатыр өзү куда кылып алды.

Чырак тамга деген эл кырк түтүнчө эле. Мунун байлары менен Алышпай кудалашып алды.

Чыныбайдын бир агасынын, бир инисинин эки баласы бир кызды талашып бирин-бири өлтүрүп койду. Өздөрү өлтүргөнүн билдирбей, Алышпай өз кишиси кылып алган, Чырак тамганын бирөөнүн эшигинин алдына өлүгүн алып келип таштап, сен өлтүрдүң деп, үч жүз жылкы, үч күлүк ат, үч атан төө, кун бүтүм кылды. Жана Тилекматка букара болуп жүргөн элүү түтүн саяк бар эле. Баягылардын талашып жүргөнү ошол саяктын кызы эле. Сен да кошо өлтүрүштүң деп, 200 жылкысын өлгөн баланын атасы айдатып алды.

Коңураттын баш кишилери, кун төлөп жаткан Чырак тамгага болушуп, сенин балаңды Чырак өлтүргөн жок. Азыр кыргыз баласы сенин балаңды өлтүрмөк түгүл, итиңди өлтүрө турган кудурети жок. Ак кишини кара кылба. Жаласыз эле жүздөн жылкыны үйүңө айдап келип берип турабыз. Үч жүз жылкы үчүн алты жүз жылкы алыңыз. Бизге сасык сан байлабаңыз деп тирешип катуу турду.

Тилекмат уулу айласы кетип, Чырактын өзү жалынды, – жаңыдан кудалашып, кун албайлы, – деп, ага Чырактар көнгөн жок, – биз кунуңдан кутулбай туруп кудалаша албайбыз,– деп бекем турду. Коңураттар да бекем турду.

Бүткүл журтка үлгү боло турган иш эми башталды. Үйөздүн, болуштун жасоолдорун тукуруп, Коңураттарга жаап жиберди, ат жыгып минмек, сабамак, жасоолду урду деп түрмөгө жапмак. Эч кандай тынчтык бербеди.

Коңураттар жыйылып Чырак тамганын үстүнө келди. Кызылсуудагы саруу дөөлөскө киши жиберди. Эртеси баары келди, миң чамалуу киши болду. Келген элди Чырак тамганын айлына түшүрдү. Чырак тамганын башчы кишилери ак боз бээсин жетелеп, камчысын мойнуна салып туруп арызын айтты: – Биз бир атанын балдары аз түтүн Чырак тамга күнгөйдөгү Бирназар Аалыбай уулунун букарасы болуп жүрдүк. Кудалашып керегин алып турду. Ошондо да Султанкул байдын инилери Жаныбек, Чынгыштын зордугуна чыдабай урушуп Жаныбектин бетин чаап, тамга салып Чынгыштын бир уулунун көзүн чыгара чаап, бир уулунун карын майын чыгара сайып, өз боюна тартамын деп, кудалашып, ич муздашып турганда Тескейдеги Бирназар зордук менен айдап келип кондурбай көч үстүнөн Мураталынын уулу Аламан баатыр зордук кылып, мал кармап алганда Коңурат Тарыкчынын уулу Түнкатар Жантай чыдай албай уруш кылып чабышканда Аламандын бир көзүнө камчы тийип сокур болуп, көзүнүн кунуна жүз элүү жылкы бийлик кылганда, беш жүз үйлүү Коңурат төлөп, кутулуп ошондон кийин Бирназар уругуна кудалашып кыз албаска баталашкан эле.

Мына эми Коңураттын үстүнө ойноп турган кызыл камчы, кыйкырык кара бороонду көрүп турасыздар. Илгеркинин айтканы ырас экен: – «малың болсо дооң бар, башың болсо жооң бар», – деген. Биздин малыбыздан башка не жазыгыбыз бар?

Малыбызды айдап берсек да алымсынбай, өзүн-өзү өлтүрүп, док кылып, кун ойлоп, кунуңду эки эсе кылып берели десек албай, кун сенин мойнунда жүрсүн, – тукумдан-тукумуңду мойнунан байлап кутулбас кул кылып жүрөмүн, – дегенин журт көрүп турасыңар.

Мындан мурун беш-он түтүн ар кайсы манаптын кулу элек. Анда чакырган үнүбүз чакырымга жетчү эмес эле. Айлабыз жоктон, – күңгө эр жокпу, күрөккө бок жокпу, – дегендей ыйлап, сыктап жан багып жүрчү элек.

Эми бул турган үч урук миңден ашык болдуңар. Уруулу журт, уялуу жыгач болдук. Үйүндө көптү талаада киши урбайт, – деп мурункулар бекеринен айткан эмес. Үч жүз үйлүү Бирназардан коркуп атын токуп, отунун алып жагынар жаныбыз барбы? Журт аркасы темир талкуу деген эмеспи. Ушул турган журтсуң. Малды көбөйтүп багып жүрүп, бул дөөлөт башымды байлап кул кылып турганын көрүп турасыңар. Эл, журт силерсиңер. Мал курусун. Бул малдан бизди куткар, намыс үчүн урааныңды жоготпо. Биздин сөзүбүздү уга турган улук жок, ушул алты миң жылкы жыйырма миңден ашык кой бар. Түгөнгөнчө ал. Иште керек кыл. Баш керек болсо, Чырактын башы түгөнгөнчө кармап бер. Бул мал жетпесе бүтүн Коңураттын малын ал. Мал аяган Коңуратты жер сорсун. Эми өзүбүздүн арабызды ачып, үн чыгарбай жүргөнчө, эчкиче маарап өлөлү, – деди эле.

Бүтүн Коңурат «рас сөз» деп чур дей түштү. Саруу, дөөлөс «Рас сөз» деп чуркурап ордунан тура калышып, кыбылага карап, – ушунча дөөлөтүң менен сенин көргөнүң ушу болсо, башкабыздын сайда саныбыз табылабы? Бизде улук жок. Бир кудай өзү жардам бербесе, – дешип: – Бөлүнгөндү бөрү жесин, зордукчу четибизден сүйрөп качса ушу турган үч урук кол кармашып, аркасынан ажырабай өлбөсөк, үч уруктун урааны уруп, Ысыккөл сорсун,– деп чуркурап, ыйлап туруп бата кылышты. Бээлерин союп, түлөөсүн өткөрүп тарашты.

Буларды көрүп, Жетөгүздөгү Бирназар, Чыныбай баштап атка минди. Үч урукту бузуп таратабыз деп ар түрдүү амалын кылып көрдү. Куда-сөөктөрүнө да асылып көрдү. Буга да болбоду.

Болуш рапорт жазып, үйөзгө айтып баш кишилерин түрмөгө каматты. Буга да болбоду.

Күңгөй, тескейдеги Арык, Белек, Желдең (бир саяктан башка) болуштары, манаптары менен сүйлөшүп «Ууру кылды» деп түрмөгө каматты, болбоду.

Баягы үч уруктун байларын чакырып, сүйлөштүрүп көрдү. Ага да болбоду.

Андан соң Чыныбай көлдүн тегерегиндеги болуштардын баш кишилерин чакыртып кабар берди. Алар чаап келди – Баатыр эмне болду? Жоо кайда? – деп. Чыныбай: – Жоо айлында. Ар кимиңердин колуңардагы кулуңарды ыйлатып, зордук кылып, чогултуп алдым эле. Мына эми өз башыма балээ болду. Бул жалгыз менин башыма балээ болбос. Ар кайсында ар уруудан беш, он үйдөн жок эмес. Жана тондуу балаңар андан көп. Бул үч урукту көрүп карап турбас. Баары баш көтөрүп, чогулуп алса, баарың алек болуп колуңардагы кулуңардан көрөрсүңөр. Ушул баштан чындап киришип, баш коштурбай таратып турбасаңар мен кийген тонду силер да кийесиңер.

Азыр Коңуратты кун үчүн чаап, малын талап алгыла. Менин кунум, журт сенин кунуң. Он эки болуш баарың үч уруктун киши башына элиңерден жалаа жаптырып, доо кылып, бийге түшүргүлө. Ойоз болсо өз кишибиз. Мен тилмечке айтып коёмун. Бийлериңдин тилиңерди ала тургандарын жазып бергиле. Ойозду олтургузуп баарына мал кестирип, таш-талканын чыгарып, малын талап аласыңар.

Кандай урук экен? Кол кармашып бузулбай турган. Ар кимдин атын токуп, кул болуп өскөн ит, дайыны табылбай баягы мурунку байлары өзүңөргө барат. Башка барар жери бар беле.

Чындап киришпесеңер, булар баш көтөрүп алса, муну карап турган букаралар сарбагыш, солто, саяк баарыңарды алек кылып, баш кошуп кетсе, анан барыңдын манап болуп турганыңды көрөрмүн. Атыңды өзүң токуп, отунуңду өзүң алып, малыңды өзүң багып каларсың. Андай күндү көргөнчө өлгөн артык эмеспи, – дегенде, – рас айтасың баатыр. Ал күндү көргөнчө кырып жибербейсизби,– деп чуркурап катуу кайрат кылышты.

Чыныбай аттанып Ойозго барды. Кунумду аламын деп буйрук чыгарды. Чырактын ыстарчынына тез арада кунду берсин. Кун берүүчү кишинин малы жетпесе, тууганынан, ал дагы жетпесе он башы, элүү башы түтүнүнөн үч жүз жылкы кунду бүтүрөсүң. Агер бүтүрбөсөң сага бере турган жазамды өзүм билем, – деп буйругуна кол коюп берген соң, куп болот, – деп беш жүз түтүн коңураттан бузулуп чыгып, Чыныбайга кирген жети үйлүү коңурат бар эле. Ошол жети үйлүү коңураттын бүт малын чаап алып келип, ал деп Чыныбайга бергенде, күйбөгөн жери күл болуп, жети үйлүү коңураттын катын-баласына чейин ээрчитип, үйөзгө барып арыз кылды.

Үйөз, – сен неге буларды чаап аласың? – десе, ыстарчын, – буйругуңузду кылдым. Кун берчү кишинин жакын тууганы, ошон үчүн айдап келдим, алыңыз кунуңузду, – дейт. Үйөз: – шайтан сен Чыныбайдын өз кишисинин малын бересиңби? – десе, ыстарчын, – жок, таксыр Чыныбай, Бирназар, бул Коңурат, – деди. Үйөз, – сен башка кишинин малын алып бергин, – десе, ыстарчын, – мен башка кишинин малына тийсем мени өлтүрөт. Башка кишиден өлгөнчө, Сизден өлгөнүм жакшы болот, – деди. Үйөз жадаганда ыстарчынды түрмөгө тыкты.

Үч уруктун баш кишилеринин бир тобу кун жөнүндө түрмөлөп жүрсө, баягы политсия, жасоол, соодагерлерге той болуп калды.

Так ошол кезде зилзала жылдары болуп, Азияда көп жерлер силкинип, жер титирөөдөн Алматы шаары кыйрап, Алматыдагы губернатор Колпаковскийди падыша чакырып, Петроградка кеткен. Анын ордуна Иванов деген киши губернатор болуп калган эле.

Губернатор Ысык-Көлгө келет экен деген кабарды угуп үч урук приговор менен бир кишини астынан тостуруп арызга жиберген эле. Бул учурда үйөз Чыныбайдын болушунун колуна эки истражник, жасоолун кошуп кунуңду өндүрүп ал деп берген эле. Жетөгүздөгү Бирназар уругунан үч жүз киши аттанып чыгып Чырак тамганын малын бүт чаап алды. Чырак тамга үйү-жайын бүт таштап, катынбаласы менен бири калбай качып кетти.

Баягы үч уруктун арызга жиберген кишиси Токмоктон жетип, губернаторго арызын берип, аны менен бирге келди.

Баягы үй-жайын таштап качып жүргөн Чырак тамганын катын баласына чейин чуркуратып, губернаторго арызын айттырып коюшту. Губернатор көрүп, арызынын баарын өзү алып:

  • Мен бир жумача ушул жерде болом, арызыңардын баарын өзүм текшерем, – деп үйөздөн Чыныбайдын болушун да кууп салды. Губернаторго эч кимиси жакын келе албады.

Бир жумача болгондо эртең менен үч уруктун элүү башыларын чакырып алды да:

  • Мен силердин ишиңерди бүткөрбөй кетпейт элем. Түндө телеграмма келип калды. Жарым падыша келе жаткан экен. Өзүмдүн жер чечим үчүн алдынан тоспосом болбойт. Амал жок. Буйругумду соңунан жиберемин, – дегенде, үч урук чуркурап арызын айтты. Өзүңүз көрдүңүз. Ушунча жанды ойоз баштаган жырткычка таштап кетсеңиз, биздин убалыбыз кимге? – дегенде, – бул Караколдо силер биле турган орустан калыс киши барбы? – деди. Кризнов деген пристав калыс киши деди эле, – эмесе үч уруктун үйөзү Кризнов сен бол, – деп буйрук берди.

Губернатор жүрүп кетти.  Бир жумага жетпей Караколго жарым падыша келди. Баягы Колпаковский экен. Ойозу, Чыныбай болуштары болуп баары тегеректеп курчап алды.

Үч уруктун арызы түгүл бетин да көрсөтпөдү. Көрсө да, андан уч урукка жакшылык жок эле. Себеби анын жактаганы бай, манап, соодагер эле. Бир конуп кетип калды. Ойоз, Чыныбай болуштары болуп, үч уруктун арызын жана кунду ойоз өзүң бүтүрөсүң деп кол коюп берип кетиптир. Чыныбай кунду бүтүр деп күркүрөдү. Үч урук болсо, – биз Кризновдун буйругунан башканы билбейбиз, – деди. Пристав өзүм бүтүрөмүн деди. Үч уруктун элүү башысын жыйып, Тилекмат уулунун өз түтүнүнө, жүз жылкыны бөлдүрүп салдырды.

Муну болуш бүтүрүп бересиң деп, тилкат жазып колун койдуруп алды дагы айласы кетти.

Ойозной сиез (съезд) кылып бийлерди олтургузуп жалган жалаа, кун жана башка ар тараптан доолорду жаадырды. Чырак тамга бийлерге пара акча берип, доосун бекерге кетирди. Мындан да айласы кетти. Жүз чамалуу жигитин аттандырып түн ичинде Чырак тамганын малын алып, дөөлөс, саруунун кишилеринен түн ичинде уктап жатканында байлап алып кетип турду. Мында да эл бузулбады.

Үч уруктун үйүндө киши калбай, кыш күндөрү Караколдо чыгым болгонуна карабай, бирге уюшуп алып бекем турушту.

Үч уруктун болушун шайлоо үчүн, үйөз приставка тапшырып, мыйзам боюнча шайлагын деген соң, жүз үй тигилип, Жети-Өгүздөн миң киши чогулду. Ысык-Көл ойозуна караган болуштардан тыңчы кишилер көп келди.

Үч урук деген ураан чакырылып, онбашы, элүүбашы, ыстарчын, бийлер шайланды. Көпчүлүгү үч урук жагынан шайланды.

Бирназар уругунун өз ичиндеги букараларына үч уруктун элүүбашылары чыр салып шайлап, билгенин кылды. Муну көргөн бүтүн бугунун манаптарынын куту учту, өңү бузулуп турду.

Кезек болуш шайлоого келгенде, Коңураттан баягы

Чырак тамга үч миң жылкылуу, Чыныбайдын кудасы Карабек байдын уулун болуш шайлап чыр салганда бүтүн бий, болуштун, элүүбашысынын баары чыр салып шайлады.

Бирназар уругунун элүүбашылары эси ооганынан үч уруктун элүүбашысы менен кошо салып жибергенде, келген кишилер баары дүркүрөп күлүп жиберди.

Шайлоо бүттү. Үйөзү да, тыңчысы да, тамашага келгендер да тарап кетишти. Үч уруктун колунда тилмечи, песири, кеңсалары баары калды. Үч уруктун башы ачылды. Барып түлөө кылабыз деп, үч урук деп ураан салып үйлөрүнө кетишти. Бул окуянын башталганына үч жыл толук тамам болгон эле. Ушул үч жылдын ичинде үч уруктун кабары көп жерге угулуп, Пишпек ойозундагы букаралар да козголуп, кайраттуулары качып барып Алматыда адбокат шайлап алып, губернаторго арыздарын берип тургандарын үйөзүнө жиберип, үйөздөр манаптардын колуна берип, кара букара эзип турган кези эле.

Эми өкүмөттүн саясатынан, ал убактагы мыйзамчыларынан укканымдан бир азыраак баян кылайын.

Баягы зилзаладан (жер силкинүүдөн) Алматы шаары бузулуп жана башкаларда болгон алааматы Жети-Суу облусундагы улуктар зулумдугунан болду деген маселелер болуп, ошон үчүн адилет киши жиберилсин деп, Ивановду губернатор кылып жиберди деген эле. Ал киши келип текшерип көрсө, бүтүн Жетисуу облусунун өкүмөтү эки фамилиянын тукуму, каптап (кудасы, жээни, жакыны) чулгап алган экен. Колпаковский, Малишевский дегендер. Булардын баарын Иванов генерал жетисууда калтырбай башка жерге жиберген эле.

Ал убакта Караколдо бул эки фамилияда болгон үйөз судьяларын да андаган эди. Үч уруктун бактысына ошол убактагы саясат туура келип, Иванов адилеттик кылып башы ачылып калган эле.

Колпаковский Жети-Суу облусун өзү каратып алып, бай-манап, соодагерлерди тарбиялап, канатынын астына катып баккан киши эле.

Үч уруктан үлгү алып, Шабдан, Сооронбай баатырлардын өз туугандарын эки киши баш болуп, букараларын бөлүп алып, Шабдан, Сооронбайды эсин кетирип тырышып, көп азап тартып жүрүп бөлүнүп кетти. Булардан башка Пишпек ойозуна караган жыйырма беш болуштун манаптары баш кошуп, баш көтөргөн букарасынын баарын Ойозной сиезде бийлик менен, приговор менен эзип, чогултуп, баш коштурбастан он алтынчы жылдагы бузукка келип жетти.

Эми баягы үч урук азаттык колуна тийип, болуш болгондогу иштеринен бир азыраак жазайын: Күзүндө сентябрда болуш болду. Көп узабай үйөздө сиез болуп, бийлерди олтургузуп, Ат-Башы, Нарындан тартып, катуу намыс кылып, үч уруктун үстүнө ойозу баштап жабылып, үч уруктун үйүн киши калтырбай бийге салып жатканда, баягы жандан кечкен үч уруктун бактысына, элди талап бат байыган көпөс, сүткорлор, куржунга акчасын салып, бузук манаптарга акча берип, бийлерин буздуруп тилмеч, жасоолдорго акчаны аябай берип бузуп, доолорун аткес кылдырып, сиезин бузуп таратты.

Бийлер тараган соң, бир ойоздун башчы кишилерин чогултуп, ортого түшүп, кун үчүн талап алган Чырак тамганын малын Чыныбайдан эсебин сураганда Бирназар уулунун алган малынын эсебин бергенде беш жүз сексен жылкынын эсебин чыгарды. Жүз жетимиш беш жылкынын эсеби чыкпады.

Жылкынын үч жүзүн кун үчүн чыгарып, эки жүз жетимишин, журт катуу кыстап, өтүнүп, суранып отуруп, үч урукту, – канча кылса да силер устум болдуңар. Чыныбай кор болду. Жоону ачууң менен жыксаң да аяп көтөрүп тургуз, – деген соң, Чырак тамга, – макул журт, жакшы айтасыңар. Биз мал гана эмес, башыбыз Чыныбайдын кулу эдик. Эми ушул олтурган бугунун аксакалдары, бизди киши эмес, кул катары да көрчү эмес элеңер. Эми Чыныбай үчүн, зарлап өтүнүп сурап турганыңар үчүн, баарын бердик, – деген соң, элдин баары ыраазы болуп, бүтүн баарын алуудан уялып, Чыныбайдын иниси кун ээси кырк кунан жылкы тандап берсин деди. Бийлердин мөөрүн бастырып, кинегеден копия кыркып келип берди. Ошол жылы жазга жакын Чыныбай баатыр өлдү. Болуштун орду бекип келип, приказ-буйругу колуна берилди. Баягы кырк кунанды жаратпай, кунан ордуна ат алды.

Андан соң дептер арыз, бексул болушка толуп кетти. Арызданган киши көбөйдү. Себеби: Тилекматтын балдары кишиден алганын кайтарып берчү эмес. Болуш баарын өндүрүп кайтарып бердирди. Элден алганын төлөй албаганынын үйүн опус кылып саттырып төлөттү. Малдан ажырап бүткөн соң Кызылсуу бузугунун уй музоосун багып күнүн көрдү. Үч урукка кандай залимдик кылса, аялдабай өз башына келип жетти.

Үч урук өз бийлигин өзү алса да ойоздо топ болсо бугунун бий, болушта жармашып, талап жеген соң айласы кетип, өз ичиндеги Бирназар уулуна бийлигин берип, куйругун кармап калган соң, туугандарынан ажырап алып, Бирназар уругун бай кылып жан сактап калды. Жогоруда үч урукка көп токтолгонумдун себеби: Бүтүн Кыргызстандагы көп урук аз уруктун манап менен букаранын ортосундагы айырманын баркын, ал убактагы өкүмөттүн саясатын, манапты жактап, букараны эздиргенин, букара болсо да уругуна таянып, малданжандан кечип кайрат кылып, зулумдардан азат болуп кутулганын ачык айтып, баян кылып көрсөтүш үчүн сүйлөндү. Муну көрүп билбеген кийинки журттун көз алдында болуп, өткөн окуяларды түшүндүрүү үчүн айтылды. Эми жогоруда чала калган бир ойоздогу журтту урукка бөлүп, болуш шайлаган сөзгө кайтайын. Көл башындагы бугудан бир болуш Арыкты Көтмалдыга көчүрдү. Мурун дарексиз, ар кимге букара болуп, беш, он түтүндөн чачкын болуп жүргөн моңолдорду көчүрүп Нарынга жиберди. Тынымсейит бир болуш болуп бу да Нарынга кетти. Жана Белек уругунан Салмаке, Жаркын деген эл бир болуш болуп, Үмүрзак, Карач баатырлар өз ыктыяры менен Ат-Башы, Аксай деген кең жерге барып жердеймин деп, батпаган көп малы менен элин айдап көчүрүп барып, эки жылы аман туруп, үчүнчү жылы малын жутатып, Анжыянга чейин малын айдап карга бастырып, жылкысы бүт кырылып бир болуш эл жөө чубап көлгө кайтып келди.

Мына ошол убакка чейин Ысыккөл кыргызы бугунун мурунку ата-бабасынын адаты, жакшы кылык-жоругу: Жоого эрдиги, бир кишидей ынтымагы, бир-бирине ызатурматы, кадыр сактап сыйлаганы. Бийлеринин адилети, четтен бир сөз кошуп сүйлөгөн кишини тили буруу болдуңбу? – деп айтканы, «боло турган балаңды базар жолун көрсөтпө» деп соодагер болуудан корккону. Элден бөлөкчө бирөө кийим кийсе айып катарында жек көргөнү, жалгыз өз башы үчүн иш кылбаганы. Кеңешерге киши табылбаса Бөркүңө кеңеш дегени. Жана башка ушул сыяктуу ичкенжегени букара-манабы окшош болгондуктан ошол убакта четтен келген ырчылар, – байы, кулу белгисиз, баары манап турбайбы. Кулун, тайы белгисиз, баары жорго турбайбы,– деп ырдачу экен.

Куулук, шумдук, кыянат, ууру, жалган айтуу, бузукулук, жалаа кылуу жок эле.

Анда жоодон, жуттан башка элдин камчысы жок эле. Бечараларына көчсө, консо, өргүсө мингенине ат, жүгүн жүктөөгө унаа берер эле. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» – деп, бирин-бири ташташчу эмес.

Эри бар катын башка киши менен бузуктук иш кылганы билинсе, анын жазасы өлүм эле. Кыргыз элинин (жогоруда айтылган) жол-жосуну мурун ушундай болгон.

Кыргыз эли куулук-шумдукту качан билди? Кимден үйрөндү? Аны жогоруда айтып жазганмын.

Орус келип, шаарларды куруп, четтен келген соодагерлер менен куулук шумдук кошо келген.

Эл Текестен Көлгө түшкөн жылы кыш жакшы болуп, мал жутабай семиз болуп чыкты. Жаз болгондо, ойоз, болуш, бий, жакшы кишилерди Каракол шаарына чакырып алып, Николайдын атасы такка минген күнүнө той кылабыз. Ар бир болушка нечен жүз сомдон акча бересиңер. Шаардан эки киши, кыргыздан эки киши, төрт кишини той башчысы кылып дайындайбыз. Шаардын тышына кенен жерге, ар болуштан бир нече жакшы үйлөр, килем, жууркан жасоосу менен тигесиңер. Күлүк аттарды алып келесиңер. Мынча күндө баары бүтсүн, – деп буйрук кылды. Элден акча жыйналды. Той башчылары шайланды. Шаардын аягы Каракол суусунун боюна жүз үй жазоосу менен тигилди. Жүз чамалуу кант, чай, жемиш сатуучу дүкөндөр курулду. Ашпозчу, чачтарач, очоктор казылып, чоң казандар асылды. Отундар дөбө болуп жыйылды. Килем, төшөк жайылды, жүз отургуч-стулдар коюлду. Столдор түрдүү жемиш, бөтөлкөгө толду. Семиз бээ, өгүз, ирик койлор союлду.

Той башталды. Төрөлөр көкүрөгү толгон алтын медалдарын жаркыратып, солдаттарга музыка тарттырып келип түштү. Жыйылган элге талаа толду. Кыргыздын аксакал кишилери өздөрү тиккен боз үйгө кирип кымыздар ичилди. Төрөлөр арактарын ичип бүткөн соң кара жолго чыгып, тизилип турушту.

Чабыла турган аттын саны жүз болду. Баарын каттады, тогуз атка байге сайды. 1-атка 500 сом, 2-атка 400 сом, 3-атка 300 сом ж. б. байге акча конвертке салынып печеттелди.

Атка сүрөө болбосун деп чылбырын бүт алдырып койду. Атты солдаттар айдады. Түпкө жеткирип коё бер деп буйрук кылды.

Биринчи болуп Кыдырдын тайкашкасы чыгып келди. Аттардын байгесин берип бүткөн соң эл тамакка ки ришти.

Жарым-жартылап этти тартып жаткан кезде шапалактаган кыйкырык чыгып калды. Камалган калың эл тамакка талоон коюп жиберди. Кимди ким көрсүн тополоң кылып этти талап кетти.

Үйөз атка минди. Качкан элди кармай албай, чарчаганча кубалап келип турду. Топ-топ, кыйрап жаткан чыны-чайнек. Бүлүнүп жаткан чара-табактар.

Баягы үйөздөн качып жүргөн миң чамалуу кыргыздар ат үстүндө эт, нан, жемиштерди жеп каткырып күлүп жүрүшөт.

Жоголгон килем, жууркан, үй жабдыктары андан көп, мындай тойдо токмок секирет. Чоң тойдо кыз жоголот. «Жаның аман калса олжо» деп күйдүрүп, күлүп жүрүшөт.

Андагы болгон чыгым, зыянды той башчылары да эсебин билбей калды. Ал убактагы элдин дөөлөтү мындайларды буюм деп сезчү беле. Көп жылга чейин, ак падышанын тоюндагы деген сөз элдин оозунда айтылып жүрдү. Баягы болуштарды шайлагандан кийин налогду көбөйттү. Түтүнгө беш сомдон акча салып, бай-жарды болуп он башылардын бөлүмү менен төлөп бүтүрүп, казынага саласыңар, – деп буйрук кылды.

Ал убакта акча кымбат, мал арзан эле. Ат 12 сом, жакшы семиз бээ 13 сом, чоң өгүз 13 сом. Ирик I сом 90 тыйын, өгүздүн териси 1 сом. Буудайдын (пуду) 14 тыйын эле. Көрпө 13 тыйын. Карышкыр түлкүнүн териси 1 сом. Суусар 1 сом 50 тыйын. Он башылар малга жараша бөлдү. Тизмелер жазылып болуш колуна алды.

Эл арасында, – мага көп, тигиге аз салдың, – деп бири-бирине таарынып, элүүбашы, ыстарчындарына даттануучулар көбөйдү. Алар, – сеникин азайтып берейин мынча акча бер, – деди. Айтканын берди. Азайтып кинигеге жазды.

Акча төлөгөндө, мынча төлөйсүң деди. Жок мен мынча төлөмөкмүн. Онбашы мынчадан бөлгөн, сенин айтканыңды бербеймин. Ыстарчын, – сен казынанын акчасына каршылык кыласыңбы? Мына онбашынын бөлгөнү менин кинигемде жазылуу турат, – деп атын кармап алды. Уруш болду. Бийине барды. Бий тогуз айып бийлик айтты. Аны бербеди. Ыстарчын болушка айтты. Болуш жасоолун жиберди. Жасоол уруп, жараган малын кармап алып кетти.

Бул бир кишиде эмес, бардык элдин ичинде, элге бузуку кирди. Баягы баары бир тууган малы-жаны энчилеш эл, бири-бирине чүйлүсү менен караша турган болду. Ишенич кетти. Ал убакта болуштарды үч жылда бир шайлачу эле. Ыстарчындарды болуш шайлачу. Падышанын налогу (салыгы) бир жылда эки жолу (жазында, кышында) төлөнүүчү. Ал убактагы акчанын кадыр-баркын жогоруда жаздым эле. Налок жана башка өкүмөттүн ыгым-чыгымдарын убагында төлөп туруш үчүн, акча табуу өтө кыйын эле.

Ошончо көп журт, базарга сатуу үчүн малын алып келсе, базардагы бай соодагерлер манчыркап албайт. Алса да өтө арзан үчтөн бир баасын берип араң алат.

Мына эми, ушул налог жана башка чыгымдарды бүт элден жыйнап алып, өкүмөттүн казынасын толуктап туруш үчүн, үйөз ар жыл сайын сиез (топ) чакырчу.

Ал сиезге даярдык көрүү үчүн ойоз ар бир болушка буйрук жиберет. Ал буйрукта: ай-күндүн (числонун) аты көрсөтүлүп, болуш башына төрттөн-бештен боз үй, килем-төшөк, бардык жасалгасы менен тиги суунун боюна тигилсин. Ойоз, төрөлөр, тилмечтер, политсия жана башка өкүмөт кишилери мине турган жакшы аттар, келишкен ээр токуму менен ар бир болуш беш-алтыдан ат алып келсин, – деген буйрук болуштун колуна тийген күндөн баштап, болуш өзүнүн жасоолун ыстарчынга буйрук жазып жиберет. Ыстарчын, элүүбашы, онбашысы болуп өкүмөткө тиге турган үй тандап, мине турган ат, ээр токум тандап, – тиги байдын үйү жарайт, тиги мырзанын аты, ээр токуму жарайт, – деп күнү-түнү дебей атты алып, үйдү көчүрүп алпарып айткан жерине тигип даярдашат.

Агер үйдүн ээси, ушунча катын-балам менен кайда жатамын үй жок, – деп бербей койсо, болуштун жасоолуна барып айтып, жасоолду алып келип абдан сабатып, үйдү өзүнө төөгө жүктөтүп алпарып тиктирүүчү. Буга окшогон топ, жыйынга даярдык иштери бүткөндөн кийин, ойоз ыштабы менен шаардагы аксакал инабаттуу кишилерин алып, ыстражник-жасоолдорун алып, Караколдон чыгып, жоргонун оозун коё берип, аркасындагы солдаттары менен чубалып, кара жолду чаңдатып келатат. Алыстан чаңды көргөн жолоочулар ойго-тоого карап жасоолдон качып, кабак жерлерге бекинип чаң басылган соң кетишти.

Тигилген үйлөргө келип ойоз аттан түшкөн соң журттун баары тебетейин алып турушту. Болуштардан, элүү башыларың даярбы, – даяр дегенде, аларды башка бир үйгө киргизип, өзү бир үйгө кирип кетти. Мына ошентип сиезин баштайт. Элди коркутуп налог, чыгымдарын элден жыйнайт.

Баягы элүүбашы, ыстарчын, бий, болуштан качкан журт, малдан кечип, жанын уучуна кармап, баягы акчасын куржунга салып жүргөн сүткор бай соодагерлердин акчасын жылкыга, койго деп насия алат да налог үчүн, өкүмөткө берет.

Ал убакта бай соодагерлер ак падышанын эркеси эле. Соодагерлер шаардан-шаарга кыдырып келатып бир айыл элге конуп, ал эл менен соода талашып-чатакташып калса, соодагер ошол элдин өкүмөтүнө келип, «конгон жеримде малымды уурдатып жибердим», десе өкүмөт жасоолун жиберип, ошол элден эки эсе кылып өндүрүп берчү эле. Агер бул соодагер бай жалган айтат. Малын эч кимибиз уурдаган жокпуз, төлөбөйбүз десе, жасоолдор туура шаарга айдап барып түрмөгө каматчу. Сиезде налог, башка чыгым акчанын баарын бай соодагерден мал беребиз деп алышат. Жазында көтөрмө малга соодагерлер чыгат. Айыл-айылга барып түшүшөт. Эл малынын баарын астына салат. Жаратпай жатып, тилдеп олтуруп араң алат. Калган малды күзүндө бермек болушат. Бир малын экиден төлөп, баягы жаратып тандап алган малын дагы экинчи бермек болуп, агер жаратып бере албаса, асыйга жыйырма сом, койго беш жарым сом төлөмөк кылып, бийинин, ыстарчынынын мөөрүн бастырып, болушту кепил кылып жана мөөрүн бастырып алып турат. Алган малын өзүнө бактырып, агер ууру алып жоголуп кетсе мал ээсине төлөмөр кылып, ишин бүтүрүп жайкалып шаарына жөнөшөт. Күзүндө теңге төгүшкө барганда, – болуш аке малымды алып бериңиз, – деп болушка келет. Болуш барып малыңды алсаң, жасоол кошуп берем малыңды бүтүрүп берет, – дейт.

Соодагер бай, жок мал албаймын. Кышында бага албаймын, акча аламын, – дейт. Баягы жазындагы бермек болгон бир мал үчүн эки малдын акчасын доолап, баягы бий, ыстарчындардын мөөрүн бастырып алган кагазы менен бир ыстарчын элдин байлары менен сүйлөшүп, «койгун эми мындан ары тамыр болуп, алышып-беришип жүрөлү – дешип, – байларга керек нерселер болсо, акчасын же малын жазында бересиң», – деп кетүүчү.

Бул окуялар эл Текестен Көлгө келген жылдарда болгон. Эми эл Көлгө келгенден кийин онбашы, элүүбашы болуштар шайланды. Булардын иши, каражал чаап оңдомок, көпүрө салмак, улуктарга үй тиктирмек, аларга союп мал даярдамак, жолборстон тартып бөдөнөгө чейин тирүү аң уулатып карматмак. Мына ушундай иш менен тынымы жок эле.

Жана дагы эл арасында алык-салык төлөбөгөн кишилерди айдамак. Кишилердин атын жыгып минмек. Катын-балдарды чыркыратып, жөнү жок чатактарды кылмак онбашыдан болушка чейин кылган иштери ушундай эле. Булардан кордук көргөн эл келерки шайлоодо өз кишибизди болуш шайлап, булардан кегибизди албасак, минтип урунган мал да курусун, жансактаган жан да курусун, – деп үч жылга чейин, бири-бирине куда болмок. Өз жагына элди тартмак. Ар түтүнгө акча бермек, ж.б. эки тарап болуп, эл ичинде бирине-бири каршылашуу күрөшү башталды. Болуштук талашкан кишинин үстүнөн ойозго рапорт жазып түрмөгө каматмак. Камалган киши тилмечке, ойозго пара берип, үч-төрт күндөн кийин түрмөдөн чыгып келип, мурункудан күчтүүрөөк кармашмак.

Мындай кармашуу Ат-Башы, Нарындан бери тарта, болуш талашкан эл эки тарабынан тең эстүү-баштуу кишилеринен Караколго жиберип, шайлоого жакын калганда, ойоз, тилмеч, жасоолдорго пара акча берип, өз жагына оодарып алмак үчүн.

Ойоз тиктирген үйгө кирип эки-үч күнгө чейин чыкпай жатат. Жасоолдору чапкылап Караколдон шампанский ташып келип турат.

Песирлер (катчы) элдин мал-башын, түтүнүн каттап эсебин алып жатыры. Пара акча берген байдын малын азайтып каттап, бербегендин малын көбөйтүп каттап жатыры. Эки тарап эл, соодагер байлардан акчаны алып, параны аябай берип жатыры.

Бир кезде ойоз үйдөн чыгып келип элдин ортосундагы үстөлгө отурду. Шайлоого келген миңдеген кишилерди тегерек тартып отургузду.

Ортого бир кичине сандык койгон. Анын жартысы ак, жартысы кара менен боёлгон, үстүндө бир кол баткандай тешигине жоолук жапкан.

Ойоз жасоолунун колуна төөнүн кумалагындай көп жаңгак берди. Жасоол элүүбашылардын колуна бирден берип, сандыктын суурумасын тартып ачып, элүүбашыларга бирден жангак (таш) берип, неченчи ыстарчындан нече киши шайлайсың деп, ойоз өзү үч-төрт кишинин атын айтып, жазып алып баланча кишини шайлаганың, ак жагына сал. Сүйбөгөнүң сандыктын кара жагындагы тешикке сал деп буйруган соң, элүүбашылар колу калтырап, кайда саларын билбей турганда баягы жасоол тешикти көрсөтпөй, жоолуктун бир четин ачып, – тигинде сал, – деп колунан кармап, далдага барганда жазганып таштап жиберет да кутулганына сүйүнүп, элүүбашы барып олтуруп калат. Жана бирөөнү чакырып, баягы тартип менен бүтүрүп болгон соң, жаңгакты жасоол этегине салып алып келип, өзүң сана, – деп ойозго бергенде, ойоз колун көтөрүп кыйкырып, бир-эки, – деп санап болгондо, ак томолок көп болгонун бий болдуң деп жазып коёт.

Тилмеч, жасоол бий болгон кишини сүйүнчүлөп, сүйүнчүсүн алып олтургузат.

Элүүбашы өзү шайлаган бийи болсо, сүйүнүп тынч болот. Сүйбөгөн башка кишини шайлаган болсо, бир ыстарчын кишинин баары чуркурап козголуп турганда, ойоз ачууланып: – ур, – дегенде жасоол элди четинен сабап кирет. Журт коркконунан олтуруп калышат. Бийди шайлап бүткөн соң, болушту шайлайт. Болушту да жогорку тартипте шайлайт. Болуш болуп шайланган кишиден сүйүнчүсүнө ат алат. Жеңилген жактан жасоолдор аттарын жыгып минип, баягы бийге жаңылыш жар салгандардын эли бири-бири менен сабашып эл тарады. Андан соң кекениш күндөн-күнгө күч алды. Элдин ичинде бузугу күндөн-күнгө көбөйдү. Жемекөйлөр да көбөйүп, күндөнкүнгө күчөдү. Жандын баары малы-жанынан түңүлдү. Бул жалгыз бугу жөнүндө сөз болсо да, мындан башка оруска мурун багынган элдин жайы мындан беш бетер жаман эле. Ал убакта солто, сарбагыш, кара кыргыздын жол чубай жүргөн жолоочулары үзүлбөй, журттун кабарынан эстүү кишилери сурашып, угушуп турушчу эле.

Оболу мурун, Алматыга караган Дуулат уругунун казактары жана Олуяата казактары түгөнүп, малынан ажырап катын-балдарын чубатып, калаадагы мужуктарга малай болуп жан сактоого чууруп кирди.

Жалгыз Аккойлуу Кудайберген уулунун дөөлөтү тайыбай турат, – деген кабарды укканда журттун карылары жакасын кармап, – кудай сактай көр, бул куу тырмак ак падышанын тырмагы жеткен жер оң болбойт экен го. Ошо балээ биздин башыбызга да келет экен го. Баягы Арстанбектин айтканы ырас болду. Жүрөгүм жаман чоочуйт. Төмөнкү Дуулаттай болуп каламбы деп айтпады беле. Эл Текестен түшпөстөн алдында, Текестеги элге узун солто деген бир жигит качып барып бир киши өлтүрүп, катынын алып келген эле. Журттун жай-алын сураганда айткан эле: – Солто малдан ажырады. Элде бүтүн үй калбады. Камыштан согуп, үйлөрүнүн үстүн жаап отурат, – дегенде, ой кудай, кыргыздын тогу, байы солто эле. Солто мындай болгондо, бөлөк журт кандай болот. Деги дөөлөтү бүтүн киши калдыбы? – дегенде, – жалгыз Олуяатага караган Бошкой уулунун дөөлөтү сөгүлгөн жок, – дегенде, «Андай болсо, сенин өз элиң кандай?» – десе айткан эле.

– Кудайга шүгүр. Бөлөкбайда башкага караганда орточо оокатым бар, – дегенде, эмне малың бар, – десе, бир музоолу уй, бир бышты мингичим бар. Алты жүз сом бересе карызым бар. Анын ордуна алты жүз боо бедем бар. Аны сатсам кутулам, – дегенде, журт чочуп, жакасын кармап алты жүз боо чөбүм бар, – деп дем байлаган соң, жан сактаган жан курусун, кантип тирүү жүрөт дешкен эле. Андан кийин, баягы узун солто айткандай, – деп макал болуп калды.

Жана дагы сураган эле, – силерден берки сарбагыш не болду дегенде, – сарбагышка жаңыдан бизге жабышкандай жабышып, жакалашып жатышат. Азыр дөөлөттөн ажырай элек, – деди. Мындай майда сөздү жазганымдын себеби, жогоруда жаздым эле: Күн батыштан учкан алп кара куштун канатынын көлөкөсү кайсы жерге жетсе, миңдеген эрке аскерлерине талатып, күйдүрүп, эң соңунда Тяншандын Ала-Тоосуна уя жасап олтурат, – деп.

Мына ушул чакта аскерлерине кандай талатып кылган иштерин көрсөтмөк үчүн жаздым. Мындан соң болуп өткөн окуянын баарын баян кылууга маган окшогон жармач, начардын колунан келе турган иш эмес. Чоңураак окуяларды жазсам да элче жазып бүтүрө албас иштер, башынан же аягынан, «же ортосунан жазарымды биле албай башым айланып олтуруп каламын. Же кеңешер кишим жок. Тартипсиз жана жаңылыш каталарым көп болсо да, үстүмө түшкөн озуйпа кызматымды бүтүрүш үчүн тырышып жазамын, дурустарын алсын, дурус болбогон каталарын калтырып коюшар деп.

Ал убакта эл пексул дегенди билчү эмес. Болуш буюрса болду, ишин кыла берчү. Күндөн-күнгө мыйзамчылар көбөйдү. Орусча бир нерсени каралап жазып колуна кармата салып, айтканын алып кете берчү. Ал кагазды шаардагы тилмечтерге барып көрсөтсө, – сен мыйзамчы болгон экенсиң. Муну жазган мыйзамчыны таап алып кел. Болбосо өзүңдү түрмөгө тыктырам десе, ыйлап-сыктап жатып араң бошонуп кетчү.

Булардан кийин сүткор-соодагерлер пексул алып жүрчү болду. Акча өткөргөн жерде, карандаш менен бир нерсени жазган болуп, колун коюмуш кылып кете берчү. Ал эми, эл арасында тиги киши пексулга түшүптүр дегенди укса эл ушунчалык коркчу эле. Мындан соң, эл мыйзамчылардан үйрөнүп, пексулга судиядан кол койдуруп мөөр бастырып алчу болду. Кийин сүткор-соодагерлер судияга баруудан жадап, элдин өзү менен убадалашып актай пексулга кол койдуруп, малга акча өткөрчү болду. Кийин кээ бирөөлөр, малга деп алган акчасын танып, пексулуңда судьянын колу, мөөрү жок, – деп сүткор-соодагерди сызга отургузгандары да болду. Мындай кордукка  чыдабай уу жеп өлгөн сүткорлор да болду. Ошондон кийин «ак пексул, кара пексул» деген макал болуп калды. Судиянын мөөрү басылбаган пексулга сурак жок эле.

Пексул маркесин жүргүзчү казынага пайда үчүн, элге эч кандай пайдасы жок эле. Кыргыздар, сүткор-соодагерлердин куулук, шумдуктарын абдан үйрөнүп, кайта алардын өзүнө жабышты.

Шаарда короо-жайы бар кишилерди кепил кылып берип, малга акча көтөрүп алуучулар көбөйдү. Убактысы келгенде, баягы кишилердин малын, короосу менен коюн, өрүшү менен жылкысын айдап берчү болду. Бүткүл элде чуу көбөйдү.

Мунун бир белгисин айтайын: Ат-Башыда Сарбагыш Кийизөтүк деген элде, карала койдон туудурган малы он эки жылда, улам бир койду эки койго жаткырып отуруп беш жүз сексен кой болгондо, элине бөлүп төлөтүп алган үчүн баягы карала койдой болосуң, бат берип кутул, – деп көтөрмөлөрдү элине бөлүп төлөтүп отуруп, элдин көбү малдан ажырап калды. Жылдан-жылга сиез да, бий да калып, доолор, жалган күбөлөр көбөйдү. Бир киши кун доо кылса, төрт киши (бир болуштан) жан (касам) берет. Жесир доо кылса, эки киши жан (касам) берсе кутулат. Жан (касам) берүүчү кишилердин бирөө бербей калса кунга жыгылат, – деп бийлик кылып бекитет.

Эрдин куну үч жүз жылкы, үч күлүк ат, – жоопкердин чаң тийбес деген уруусунан тандап жан алат. Катындын куну жүз элүү жылкы же эки касам (жан). Ушундай доо иши күч алган кезде, бугу, сарбагыштын ортосунда «алтын калпак, көк ала байталдын» доосу деген жалган айгак, жалган күбөлөр күчөп, уруу-урууга бөлүнүү күчөгөндөн-күчөп отуруп уруулуу журт көтөрмөгө оокатын берип түгөнүп отуруп бүттү.

Бир кыз алып качтыдан эрегишип отуруп, бирин-бири байлап, нечен киши өлүп, алты жылда чарчаганда араң бүтүштү. Мындагы кеткен чыгымдын эсеби жок. Мындайларды айта берсем түгөнбөйт.

Шаарда нотариус деген судия чыкты деп, муну соодагерлер, кыргыздар болуп ортого алды. Адбакет, мыйзамчылар толду. Бул пексулдун суммасынан акча алат экен. Жана мал жазыла турган казынанын бир түрдүү кагазы чыккан. Бул малды акчага эсеп кылып, ага да сүткорлор амал тапты. Тапкан амалы: көтөрмөчүлөрдүн тилинен тилгат. Бул байдын мынча малын уурдап алып, эми төлөөсүнө мынча мал бермек болдум. Эгер бере албасам, бийлердин алдында уурулугумду мойнума алып, сотуна түшүп, не жаза кылса ыраазымын деп кагазга жазып, ыстарчын-бийдин мөөрүн бастырып алып берчү болду.

Бул да билинип, ашкере болуп, сураксыз болуп калды. Караколдо, сиезде, топто Ат-Башы, Нарындан бери бардык болуш, бийлер он-он беш күн жатып, кайра барганда Караколдо сиезде же топто болгон чыгым деп бай-жарды дебей түтүнгө чыгым салып, элди канап-бутап жеп туруучу эле.

Бул чыгымды төлөбөй койсо, бийге салып айыбы менен төлөтүп алып турган. Бийге чакыргандардан келбей калганы болсо, «сырт бүтүм» деген чыккан. Бийлер сыртынан бүтүм кылып коюшчу. Бийдин бүтүм кагазын болуш алып, жасоолун жиберип сабатып, жараган малын айдап алып коёт, эл абдан жарды болуп калган соң малдан ажырап, айласыздан, катын балдарын бага албай, Ат-Башы, Нарындан тартып, Семизбел, күңгөй-тескейдеги жардылар эмерегин көтөрө катын-баласын ээрчитип, чубап, мужуктарга шаарларга кире, кара тамагы үчүн, мужук, сарт, ногой байларына малай болушту.

Ушул убакта илгери кытайдан качып келген дунгандар артыкча байыган эле. Дунгандар Кытайдан качып, кыш ортосунда үшүп, буту-колун суукка алдырып келгенде, кыргыздар эки жүз үй тигип берип, элден аштык жыйнап, отунуна чейин берген эле. Союп жегенине өгүз берип баккан эле. Ошол дунгандардын ар кайсынысында отуз, кырктан малайлар катын-балдары менен жыбырап жылаңайлак аштык, апийим отоп жүргөнүн ысыкта көргөн кишинин көзүнөн ыктыярсыз жаш чыгар эле. Кайнаган ысыкта жаш жигиттердин эти кап-кара болуп күнгө күйгөн. Ысык-Көлдүн тегерегинде кайсы бир жакшы дың жерлер дунгандыкы, ал жерлерге аштык, кыча айдап, оруп-бастырып, ошончо алыс жерден аштык, кычаны чиркеген төөдөй жөө көтөрүп ташыйт. Короосунда үймөк-үймөк аштык, саман, топон көп турат. Миңдеген ириктерди байлап семиртип, Анжиянга айдап сатуучу эле. Бир жагынан соодагерчилик кылып, көтөрмө, койго акча берип турган. Өгүздөрдү байлап, семиртип сатып турган. Дунгандар дээрлик көпчүлүгү миллионер болуп кеткен эле. Жаш жигиттери артыкча көөп кеткен. Кишини көзүнө илчү эмес. Улуктар дунгандын чөнтөгүндө эле. Агер ачуусу келип бир кишини уруп жатса, эч ким арачалап алчу эмес. Болуш, ыстарчын, бийлердин аттарын алпарып короосуна байлап коюп, алар атына келгенде көтөрмөгө берген акчаларына кагаз документтерин бүтүрүп алып коё берчү. Дунганга пексулдун кереги жок эле. Өзүнүн дептерине жазып койсо болду. Эч ким бербей коюуга алы жетпейт. Кыргыздарда сулуу кыз же келин болсо, үйүнө келип уруп, тартып алып кеткендери көп болгон. Биздин Белектин башчысы болгон бир кишинин эки кызын бир дунган ала качып алган. Үйүнө алып барган соң эч сурак бербей койгон.

Көп кишинин жерин зордук кылып алып койгон. Бир чакырым жерге коргон салып корук кылган. Ошентип журттун башына түшкөн бир балээ болгон. Неге десеңиз ал кезде дунган ак падышанын эркеси болгон. Улуктар болсо дунгандын чөнтөгүндө эле.

Кечеги Николай падыша Шаазада болуп турган кезинде Жапонияга барып кайткан убагында, Ойоз башына бирден башчы кишилерин чакырып алып, ойоз башына бирден довернес (доверенность) кылып ак падышаны тосууга киши жибересиң, – деп буйрук кылды.

Ойоз болуштарды чакырып алып, – ак падышаны тосууга довернес бир киши жибересиң, – буйруганда барган довернестин чыгымын эл төлөбөйбүз, – деп чыкты өз жанынан чыгым болуп барууга эч ким чыкпады.

Ошондо Боронбай баатырдын уулу Өмүрзак баатыр мен барамын деп чыкты. Колунда бар оокатын бүт каражат кылып кетти.

Омбуга (Омский) барып тосуп жатып, ак падыша келгенде, миңдеген делегаттардын арасында тосуп жүрүп, балким көрө албай да келсе керек. Келгенден кийин анын ал-жайына журт карашкан жок. Оокаты начар, эки көзү көрбөй калып карыганда өлдү.

Жана ошол Николайдын атасы өлүп, атасынын ордуна падыша болгондо, баягы мурунку падышанын тоюндай чоң той кылып, ат чаап, биринчи аттын байгесине беш жүз элүү сом байге сайып, шапак уругунан Орунтайдын карала аты чыккан экен.

Жетисуу облусунан Шабдан баатырды шайлап, Петербургка жибергенде бүт каражаты журттан жыйылып берилген.

Ал убакта эл үстүндөгү жакшылар жемекей болгон. Кыш ортосунда Караколдо чоң сиез болуп, эл кете албай кырк күнчө жатып калды, ар ыстарчындын эли бир-бирден короону патирге алып. Ал жерде жаткан эл баягы көтөрмөгө абдан батты. Ошол убактагы көшкананын пудратын алган кишиден өзүм сурап уктум эле. Ал киши мага мындай деди: – ар күнү кош башына бирден бээ союлат, – деди. Эми бир күндө канча мал союлат? – деп сурасам, – эң кеминде алтымыштан кем бээ союлбайт, – деген эле. Дагы ошондо, – дейт, – шаардагы  бай соодагерлер, көтөрмөгө малга бербейбиз. Бир сомго ар айына беш тыйындан өзүмчө (пайдасына) берип турду. Он эки айда бир сом үчүн, бир сом алтымыш тыйын алат эле. Болуштук талашып желдең Шамыр деген бир сомго бир кой, төрт кара көрпө бермек болуп, көп көтөрмө акча алганын өз көзүм менен көргөмүн, – деген эле. Кара жолдо айдап келаткан көп койдун алдынан учурап Шамыр, – бул кимдин кою, – деп сурады эле. Дунгандын болушу Ыбрайым бийдин кою, – дегенде Шамыр дагы аласа койдун үстүндөгү көрпөсү үчүн алты жүз ирикти алдык деп, – анын жигиттеринин айтканын уктум эле. Мына ушундай жобо-жосундун кесепетинен журттун көпчүлүгү малдан ажырап, малай болуп, аласа кишилерине көбү кызын баалап бергендери көп болгон. Ошондо да болбой ыстарчындар айдап бийге алып келип, байларга малайлык берип, акчасын алчу эле.

Шаардыктан сарт, ногойдун жакшылары, закүнчүлөрү бир ойоздогу элди эки партия кылып бөлүп алды. Эл эки бөлүнүп тытышып, уруулашып түгөнө баштады. Көтөрмөнү дагы күчөттү. Калың журт кайгыда калды. Жакшылар жаак талашып жүрүп бизди түгөттү, – деп зар ыйлашып турган кезде, – көчмөн болосуңбу, жатак (кыштак) болосуңбу? – деген мыйзам чыгып калды. Араң турган калың журттун көпчүлүгү: жатак болобуз – деп дүркүрөдү. Манаптар акылынан шашты, мыйзамчылардан «кандай кылабыз» деп сурашты. Мыйзамчылар, – христиан болсо, букараң мыйзам менен иш кылып, өз башын өзү бийлеп кетет, – деди. Мындай болсо өңчөй манаптын баары: тоногон нардай-нардай болуп, букарасы жок кантип жан сактап күн көрөбүз. Андай болгондон көрө ушул баштан өлгөнүбүз жакшы эмеспи. Балдар жалпы атка минип, дыркыратып букаранын башын коштурбай, журтту бузгула, – деди.

Журтту буза баштады. Элдин ичине жалган, жок кабарды таратты, – Христиан болгондорду чиркөөгө киргизип чокунтат экен. Катынына дамбал кийгизбейт экен, – деп оозуна каргыш алып, касам ичип айта беришти. Журттун көбү коркуп айныды. Ошондо да далайы болбой Прейлинский начальникке арызын бере баштады. Буларга Прейлинский өзү баш болуп мыйзамдын үйрөтүп, арызын бердирип турду.

Бир жагынан ойоз манаптарга баш болуп, көчмөн боломун. Жайлоого көчүп кетемин, жердин кереги жок, – дедирип приговорун кылдырып алып турду. Христиан, отурук боломун дегендердин үстүнөн ар түрдүү жалааларды жаадырды. Жалган жеринен доо кылдырып, бийге салып, айып кестирип, түрмөгө салып ойоздо кеңешме кылып, христиан боломун дегендердин баарын таратты.

Бүтүн бир ойоздо өлүмдү мойнуна алгандар жүз түрлүү балээлерди көтөрүп, түгөнүп жүрүп төрт-беш жылда араң жерин кестирип, бекиттирип алды.

Күндөн-күнгө түрдүү-түрдүү балээлер көбөйдү. Көпчүлүк кишинин үчтөн-төрттөн, шилисинен түшпөгөн доосу, жоосу бар эле. Ар бир элде бештен, ондон майда бийлер көбөйдү. Жесирдин башын ачмак, кызга калың мал кесмек, же кызды жең ичинен сатып, түндө учкаштырып жибермек, бирин-бири өлтүргөндөргө кун ойлоп, төлөтмөк.

Булардын бийлигин, олтурган жеринен тургузбай туруп өндүрүп алмак. Үйдөн берейин деп айтууга болбойт. Кыргыздын өз ичинен чыккан сүткорлор «мынакей акча» деп андай жерде даяр турат эмеспи. Малга көтөртүп алдырып, бийдин бийлик акчасын ошол жерден төлөтүп олжоломок. Эрдин кунун элге бөлүп, аны элден жыйнамак. Мына ушундай болуп, журттун баары аларман болгон эле.

Ошол убакта Караколдо сиезде бир киши бир кишиден жыйырма эки жылкы доолап бийге түшүп, бий жыйырма эки жылкыны жоокер төлөсүн, – деп бийлик кылган экен. Ошол добогер болгон кишиден: – Үзүңө канча жылкы тийди? – деп сурасам: – өзүм бир кунан, бир тай аласа болдум, – деди. – Башкасын ким алды? – десем: – Бийлер, болуштар, тилмеч, жасоол, копия жазган молдолор алды. Мына ошолор аттарын жыгып алып, болушун кепил кылып, сүткор байлар акча көтөртүп талап алып кетишти. Мага бере турган бир кунан, бир тайды кийин өзүң бүтүрүп ал, – деп сөзүмдү уккулары да келген жок. Канча чыгым болдум. Же чыгымымдан жок. Же үйгө минип кетүүгө атым жок. Жылкымды өндүрүп аламын деп талпактап жүрүп, минип жүргөн атымды сатып жеп жүрүп, иш бүткөн соң көчөгө таштап кетишти. Аламын деп жүрүп алдаганга жолуктум. Эми үйдөгү катын-баламдын бетин кантип карап көрөмүн деп, үшкүргөн элем.

Конгон үйүбүздөн эрте туруп, Балтабай баатыр экөөбүз сиездеги бийлер жакка басып бара жатсак көчөнүн аягында бир короодон бир сарала ат минген бир киши бизди карап туруп, бизди карай желдирип калды. Жакындаганда карасак Күңгөй Байсорунда турган Чиркей Кенжебай баатыр экен. Саламдашып, Кенжеке келчү эмес элеңиз, бул жылы топко келип калыпсыз, – дедик эле, – топту сагынып келди дейсиңби? Баягы куураган журт Караколдо, кар басып куурап жүргөндүр. Алар ошондой болуп жүргөндө мен үйүмдө этимди жеп, жылуу төшөгүмдө жатканым жакшы болорбу. Мен дагы мында келип, ошолор менен бирге куурап жүрүп келейин деп кече келдим эле. Келип көрсөм, илгерки Боромбай баатырдын ордуна сарт Көлүбардын уулу, Мураталынын ордуна кашкарлык наабайчы Барат таз олтуруп, бүтүн бугуну сураган ошолор экен. Эми ушу журттун көргөн күнү курусун. Муну көрүп өлгөнчө, көрбөй мурунку ырыстуу элге кошулганым жакшы. Көрүшкөнүм ушу. Эми үйүмө кайттым. Кош мырзалар, – деп атын санга бир салып, сөзүбүздү укпай таскактатып жүрүп кетти. Үйүнө барып, эки айдан соң дүнүйөдөн өтүптүр деп уктук.

Кенжебай баатыр биздин бугунун кадырлуу аксакалдарынын бири эле. Анын «барат таз» дегени ойоздун тилмечинин катынынын кызматындагы жакын кишиси экен. Сарт Көлүбардын уулу дегени да тилмеч эле.

Мындан көп илгери заманда Куркоский деген ойоздун карыган кайын энеси бар эле. Аксуудагы жылуу сууга барып жатып, жайдын күнү оёоздун жасоолдору үч-төрт болуштан киши айдап, чогултуп, тоодон карагат терип келесиң деп, бир нече жыл журтту бүлүндүрдү. Эл куу кемпир өлбөдү деп, далай чуркураган эле.

Куркоский өзү Караколдун чаты, Көлдүн жанына үй салдырып, бак тиктирем, суу керек деп болуштардан кишилерди айдатып келип, алыш чаптырып жатканда бир кишини жар басып өлтүрдү. Жана дагы түтүнгө бирден кап бересиң деп буйрук берди. Кап жыйнаган кишилери кап жаратпай элди жаман бүлүндүрдү. Жана улпак бересиң деп түтүнгө бир каптан буудай жыйдырып алды.

Ал убакта ойоздон бир койлук буйрук берилсе тилмечтен тартып, жасоол, болуш, ыстарчын, элүүбашы, онбашыга чейин уруш, талаш менен жүз кой элден алынып ойоздун буйругу орундар эле.

Эми жогоруда айтылган көчмөн, жатак деген мыйзам чыккан убактагы журттун көбү малдан ажырап жокчулуктун айынан ар түрдүү жол менен болсо да оокат табууга киришти.

Биздин бугуда Чоңбелек аталган шапак Качыбек баатырдын уулу Алтыбазар, Мураталынын уулу Кулунча өз инилери жана жигиттерине керектүү кишилеринен малын уурдатып алуучу иштерди баштады.

Бара-бара кыргыз-казактан зордук кылып доо доолачу болду. Ойозго айтып, ойоз да токтото албады. Казак-кыргыздын бийлери коркуп, бийлик да кыла албады. Амалы кеткен соң казак-кыргыздын жакшылары, зордукчунун алдына барып, доосун бүтүрүп алчу болду. Казак-кыргыздын байлары айткандарын берип, кудалашып, малынан берип да турушту.

Мындан башка ар жерден ууру көбөйдү. Ошол кезде түн ичинде эл уктаганда боз үйлөрүнүн үзүк, туурдуктарын сыйрып алып кеткен. Тери баалуу болуп, тирүү уйлардын да терисин сыйрып алып кеткен. Аттын кишенделүү бир бутун кесип таштап, үч буту менен алып кеткен. Мындай окуялар, ар күндөрдө болуп турду. Мунун баары жокчулуктун айынан болгон иш эле. Ошол убакта Семизбелдеги Арык деген элдин болушу Кененбай баатырдын уулу Коргонбай бир туугандарынын семиз бээсин карматып алып сойгону жатканда, көтүнөн ээси эки бээсин кошоктоп чапкылап жетип: Бул бээмди өзүмө берип, тиги бээмди союп же! – десе болбой бээни мууздатып жибергенде, бээнин ээси чыдай албай жүгүрүп барып Конокбайды бычак менен жара тартып өлтүрдү.

Бул үчүн Семизбелдеги арык тукуму экиге бөлүнүп алып нечен мертебе чабышып, урушта киши өлүп, бир канча жылдан кийин, чарчаганда токтолушту. Түргөн элинин болушу Кыдыр баатырдын бий Туман деген эли жайлоого чыкканда Волостной бий олтургузуп, кылган залимдиктерине чыдабай Деркембай деген туугандарын атып өлтүрдү. – Сен өзүңдү-өзүң өлтүрдүң, – деп Кеңсуу, Күрмөнтү, Түптөгү үч болуш Белек чогулуп келип өлтүргөн арык элинен төрт ыстарчындын баарын чаап алып, Жетөгүз эли эки болуш эл эле. Тилекмат, Дөөлөс, Саруу бир болуш. Коңурат, Бирназар бир болуш эле. Баягы чакырылган Бирназардын баш кишилери Коңураттын баш кишилерин чакырып алып, – жүргүлө, бирге барып олжо алгыла, – дегенде Коңураттар: мындай бир киши күнөө кылды деп, миң кишини ыйлатып алган олжо курусун, арам олжону албайбыз, – деп барбай койду. Бирназардын баш кишилери да уялып барган жок.

Олжону үч болуш Белек бөлүп алып кетти. Ошондо Караколдогу көпөс соодагерлер барып жылкыны өрүшү менен, койду короосу менен арзан баага сатып алып, Караколго айдап келип үйүр-үйүрү менен жылкы, миңдеген кой айдап, шаардын көчөлөрүн чаңдатып, короолоруна киргизип, тамгаларын баскан эле.

Аралаш олтурган улуктар көрмөксөн болуп күлүп гана турушкан болучу. Андагы өкүмөттүн тилеги да элдин бузулуп турушу эле.

Оруска кыргыз жаңы караган кезде, губернатор Колпаковскийдин жакшы досу – Ташкендик Нарынбай деген байдын жигиттери Кулжадан алып келаткан көп төөдөгү булун, желдең Жанак баатыр Түптүн эки башы деген жерде олжолоп алганда, Жанак баатырды эч нерсе кыла алган жок. Букарага кетебиз деп ар кайсы жактан көчүп келип Токмоктон төмөн карай конуп, журттан мал, аштык алып, оокат кылып жатышкан көп чала казакты «көчүп кет» десе көчпөгөн соң, Солто Байтик баатыр чаап алды. Байтик баатырды да эч нерсе кылган жок. Байтик баатыр кийин картайганда өлдү.

Жана да Ферганада Миңдөбө деген жерде эшенмин деп бир жинди бузук чыгарды, мындагы мусулмандар баарың бирсиң, – деп күнөөкөр кылып айдап, кыйла сыккан эле. Мужуктар журт ичине жайылып чыгып, май чыгуучу жерлерге барып коркутуп алып турду. Бербесең эшендин муруту экенсиң деп. Өкүмөт, манаптарын букаралары менен айдап, көчүрүп сиздин жүрө турган жайлооңуз ушул деп, тоодогу карагай токойдун арасына көчүрдү. Мужуктар карагай-токойдун арасына аз-аздан арпа айдап, чаба турган чөбүн корук кылып, батпаган малын алпарып, элди кысып, эл ошондо жалгыз аты менен жалгыз саан уюн аркандап оокат кылып калды. Жана Россиядан көчүрүп келген  орустарды эл арасындагы, суунун  башы  жакшы жерлерден орун берип (ар бир оруска он сегиз десетийна жер) селский кылып отурукташтырган эле.

Эски мужуктар (Караколдо) жайлоодо канча жакшы жерлердин баарын, балчелек коёбуз деп кестирип алган эле. Баягы камалган элдин бирин-серин малы барып калса, айдап алып, билгенин кылып турган. Тоо-токойдо жайылып жүргөн малынан кокус бирөө жоголсо, кыргыздар уурдап алды деп жалааларды жапкан. Ошол замат кыргыздын болушун айдап алып: – азыр төлөтүп бересиң, – деп коркутуп алып жүргөн. Ач капырдан, кач капыр, – деген бул капырларды качан, кантип тойгузабыз деп журт зарлап турганда баягы губернатор Иванов келип калды.

Журттун баш кишилери менен болуштары чогулуп арыз болду. – Биз кантип жан сактайбыз? Мужуктар жалган айтып «малым, атым, уюм жоголду» десе текшербестен эле төлөтөт, – деп айтышканда губернатор колундагы бир далай мужуктардын берген арызын көрсөтүп, болуштардын колуна берди да, үч күндөн калбай бүтүрүп бересиң. Бир тыйынга жүз теңгеден кем төлөбөйсүң. Мындан кийин орустардын өзү менен бүтүшүп берип турасың. Агер бүтүрбөй ойозго арыз кылдырсаң, ордуңдан бошойсуң, деп басып кетти.

Адилет киши деп жүргөн губернатор Ивановдон укканыбыз ушу болсо, биздин дүнүйөдөн ишибиз бүткөн экен деп байы, жардысы, болушу, манабы. Чогулган журттун баарысы үмүтүн үзүп таркашты. Үйлөрүнө келип Ивановдун айтканындай кылып төлөп беришти.

Андан соң Европада чоң уруш баштады. Орустан солдаттарды чакырып жөнөтө баштады. Журтка бүлүк түштү. Үй тикмек, ылоо байламак, жардам акча жыймак, солдатка байпак, тон жыйнамак, айгыр ат, төө, өгүздөрдүн эсебин алмак.

Казак-орус, жасоолдор чакчелекей ылоо минип каршы-терши куйругу үзүлбөй жүрүп турганы турган. Бир жагынан, мал догдурлар деп, топ-топ болуп, бир суунун боюндагы элди өкүртүп уруп, бүт ойдогу-тоодогу уйларын чогултуп алып, темир ийнеси менен уйду жүлүнгө сайып өлтүрүп, чоң аң каздырып өлгөн уйдун баарын аңга салдырып көмдүрдү. Мына ошентип тап-таза жайлоодо семирип жаткан уйларды кырып салды. Эл ойозго барып айтса мен билбейм, доктур билет, – деп койду.

Суу башында тоодон жылуу суу чыгарабыз деп, Россиядан отуз-кыркча кыз-катын, жигиттер келди. Алардын барган жерине он-он бештен үй тикмек, көрпө-төшөк, жууркан жеткирмек. Аларга союшка мал жеткирмек жана башка ушундай иштер менен журт өтө кыйналып турган чакта дагы түтүнгө киши калтырбай тоонун башына айдап барып эл каттоо ишин жүргүзүп, Адам Атадан бери карай сурап тамтаңдаган эсин оодарып жаткан кезде падышанын буйругу боюнча он сегиз жаштан кырк жашка чейинки жаш жигиттердин бирин калтырбай алабыз. Керек деген күнгө чейин даяр болуп турасың. Бул буйрукка каршылык кылган киши болсо, анын соту өлүм, – деп болуштарды чогултуп ойоз буйругун угузуп, бүткүл журтка билдирген соң, журт: «Мына күнүбүздүн түгөнүп бүткөнү. Жалгыз медер кылганыбыз жаныбыз эле. Эми айдап барып, тоого кырдырса, мында калып эңкейген кары, эмгектеген жаш балдар тукум болот беле. Мындан көрө бизди ушул жерде кырып таштабаса, тирүү калганың башыңды куткар», – деди. Карыган ата-энелери чуркурап, журт бүт көтөрүлдү. Ойоз эки айдан кийин аламын деген. Ошол эки айга чейин жаштар атын, тонун камдай берди.

Бул болуп жаткан иштерди, ойоздун жакын кишилери барып ойозго айтып да турду.

Шаардагы төрөлөр, орустар ар күнү түн ичинде ойоздукуна барып чогулуп кеңешип турду. Анда ойоз кыргыз бузулса бара турган жери Кытай. Кытайдын өзүнө айтып азыр айдатып аламын. Кыргызды да тирүү жан деп ишенип турганыңар не деген сөз, – деп орустарды жемелөчү экен. Муну өз үйүмө жакын коңшу, орустун бир болушу айткан эле. Ойоз жүз казак орусту буйрусам бүт кыргызды кырдырып коёмун деди деп айтты ал. Ошо жылы эл апийимди көп айдаган, апийим сатып бирден мыкты ат сатып алып, ээр токумун мыктап камданышты.

Баягы Түргөндө арык элинин болушу атып өлтүргөн бий Тумандын ашын бермек болуп, агасы Чоң Кыдыр Жергездин чаты, Жыргалаңдын боюна конуп, ашына чакырып, конокторду бөлүп жатканда, – бизди эрте конокко албайсың деп, бир болуш Салмаке эли, Кыдырдын өзүнүн жылкысына тийип айдап барып, жүз чакты бээсин союп жеп коюшкан. Кийин сиезде бийге түшүп, тирүү калган жылкысын кайта беришкен.

Журт бүт камынган кезде Сарбагыш, Бугу, Алматы, Жаркент казагынын ортосунда чабагандап жүрүп турган жалган кабарлар катын-балага чейин угулуп турду.

Казак, кыргыздын чоңдорунун каты деп, жалган каттарды жазып, букара журтка катуу таратып турган кези эле.

Ошол убакта ойоз көлдүн тегерегиндеги болуштарды баш кишилери менен казак орус жиберип айдатып келип, казына бакка киргизип камап, жакшы аттарын казак оруска мингизип коюп, сыртынан күзөт кылдырып туруп, приговор кылып бересиң деп, жыйырма күндөн кечиктирбей алып кел, болбосо баарыңды түрмөгө камаймын деди. Журттун баш кишилери, – макул приговор кылып берели, баарыбыздын балдарыбыз тилибизди албай качмак болду. Кытай жакын, элдин баары сыртта. Балдарыңды качырдың деп дагы күнөөкөр кыласың. Колубузга кырк казак орус бериңиз. Өзүбүз күзөтөлү деп суранды эле, ойоз: качса ишиңер болбосун, мен Кытайдын өзүнө айдатып аламын деди. Кагазын кылдырып ойоз кыргыздарга ыраазы болуп эле уруксат берди. Эл аман-эсен үйүнө барды. Так ушул убакта Каркырадагы Жаркент казагынан он эки баш кишисин түрмөгө салып койгон эле. Ошол кезде шаардагы соодагерлер ар күн кездемесинин баасын ашырып сатып, ак падышага асмандан балээ келбесе, жер жүзүндө тең келе турган киши жок. Силер ким менен ойногону жүрөсүңөр акмактар дечү эле. Жалган кабарлар көбөйдү, – казактар Алматы, Жаркент шаарларын бузуп алды, сарбагыш, Токмок, Пишпекти басып алды. Сарбагыштан, казактан көп кол келатат, деп кимдир бирөө келип айтып кетти. Эмдигиче Караколду бузуп албайт, барып бузуп алабыз, келатат, деген кабарлар күчөгөндөн күчөдү. Баягы ойоздон баш кишилер үйүнө келип, алты күндөн кийин Караколго барган базарчылар качып келди. Шаарды бузуу болуп калды. Ошол түнү күңгөйдө Байсоорунда от күйдү. Эртеси бузуу башталды. Селский орустардын малын талап алып, жолукканын өлтүрө берди. Сөз уккан киши жок.

Торайгырдан тартып, Караколдон төмөнкү эл өз билгенин кылып, сыртка карап Турпанды көздөй жөнөдү. Күңгөй Аксуудан жогору Караколдон наркы элдер Каркырага карап жөнөдү. Ысык-Көл элинен бир киши да калган жок.

Өкүмөттөн эл ичине чыккан төрөлөрүн ар кайсы жерден кармап өлтүрүштү.

Алматы казагынан бир ыстарчын эл, эки болуш тынай эли, Жумгалдагы саяктар, Кочкордогу сарбагыш, Нарындын күн чыгыш жагындагы элден кошулуп, баары Турпанга карап үркүп жөнөдү. Ат-Башы сарбагыштары Кашкарга кетти. Мындан соңкусу, кийин жазылар. Мен жогоруда Көл кыргыз бугунун башынан өткөргөн тарыхый окуяларын жаздым. Орус падышасына караган жердеги казак менен кыргыздын башынан өткөргөн окуялары да андан башка эмес, так ошондой болгон эле. Он алтынчы жылдагы бузулуунун башкы себебин жогоруда айтылган өкүмөттүн саясатынан болгонун көрдүк. Сүткор соодагер ак падышанын эркеси, тизгинсиз коё берип казак, кыргызды түгөнгөнчө талаткан.

Падышанын алык-салыгы байга да, жардыга да бирдей. Үч жылда бир болуш шайлап, волосной, үйөзной сиездерде бийлер өз билгенин кылып, сураксыз, текшерүүсүз бийлик бүтүм кылган. Улуктары көрүп турса да көрмөксөн болуп, момун элди олжолошуп, залим падышанын элге кылган карасанатай саясаты, бузулуунун башкы себеби эле. Бул бузулууну журттун баш кишилеринен эч кимиси баштаган жок. Бүтүн кара журт кары жашы баары жанынан кечип текши көтөрүлүп ар кимиси өз туш-тушунан бир күндө бузулган эле. Орус кыргыздын чеги ажыраткандан соң, журттун жакшылары кара журтка кошулуп анан башчы болуп калган.

Эми он алтынчы жылдан кырк жыл мурунку кыргыздын кылык, жорук, адатына бир карайлык. Бул эки жактын кылык, жоругубузду бирин-бирине салыштырып көрсөк, арасы алты айчылык ыраак жол десек дурус болор деп ойлоймун.

Эми өзүм ичинде чоңоюп-өсүп, көзүм менен көрүп жүргөн элдин мурунку кылык, жоругунан бир азыраак айтайын.

Журттун аксакал бийлери, баатырлары көчсө, консо, баш кошуп кеңешип, бир кишидей журтту көчүрүп, конгондо элдин алдында, аркасында баатырлар эл четинде, жоо бетинде сыртынан күзөтүп бакканы. Журт ичинде бир козулук доо, жаңжалы же чоң иш болсо да, бой көтөрбөй астына келип, өз баласы болсо да тартпай, адилеттик менен бүтүргөнү, кишиден зордук кылып, же үмүт кылып бир нерсе албаганы. Журт бийлеген чоң кишилердин бирэкөө убактысыз бечаранын үйүнө конуп калса мал сойдурбай өзү ичкен жегенинен ичип, жеп кеткени. Кийген ичиги өз букарасыныкына окшоштугу. Букараларынын ыкыласынын актыгы. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо, өргүсө – урган таштай бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жоо же бөрү болобу деп күн-түн жабдыгынан ажырабай даяр жүрүшү.

Жоого минүүчү атын өзүнөн ажыратпай, этинен өткөрбөй жетелеп ченеп өткөргөнү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгонго колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, мен жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Бир кичине иш болсо да кеңештүү журт аябайт. «Кери кеткен бири-биринин кеңешине баспайт» деп кеңешсиз иш кылбаганы. Ачкага аш, жылаңачка тон, төөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Убадасында опосу. Калп ырыс кесет. Жалганчынын үйү күйсө киши ишенбейт деп, бири-бирине насыят кылганы.

Тили буруу болбо, ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Артыкча ат жабдык, кийим кечелерине, бири-бирине кайрымдуу көз салышканы. Айла-алдоо не экенин билбегени. Агер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сыпаттардан бир кемчилик көрсө баарын жаман көрүп айыптаганы. Анда-санда бир кишиден жалган же кыянаттык жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Сараң болгончо жок бол деп жаштарга насыят кылганы. Мына ушуларга окшогон жакшы кылыктар, бири-биринен малын, жанын бөлөк санабаганы. Мындай кылык жоруктарын айта берсем сөз узарат.

Бузук оңбойт. Доо доолаган куурайт. Ат башындай алтының болсо да кечип жибер. А да сенин тууганың. Эрдин малы элде жүрсүн. Эриккенде колго тийсин.

Тирүү кишиден түңүлбө, анын да пайдасы тийет деп насыят кылышар эле. Жогоруда айтылган кыргыздын жол-жосуну, кылык жоругуна кийинки кыргыздын эрки өз колунда болуп, ичибизге ач бөрүдөй болуп аралап, окумуштуу деп аталган элден үйрөнүп, алган жол-жосунун, мурунку аталарыбыздын жол-жосунуна салыштырып көрөлү. Дос-душманын, пайда-зыянын. Билимсиз эл сокур кишидей ар күнү түшүп турган чукурунан кутуламбы деп жол сураса, бере турган кеңеши үчүн, соодалашып акысын алып туруп, берген акылы, көрсөткөн жолу – чукурдан жаман баткакка тыгылтуучу. Мунун аты Мыйзам эле. Мына ошондой болуп караңгылыктан азып-тозуп, биринбири аздырып, туура акыл айтпаган. Ошонун натыйжасында бири-бирине ишенбөө келип чыкты. Жалганчылык, кыянатчылык, уруучулук, алдамчылык, жалган-жалаа доо кылмак, касам-ант ичмек, эки кишинин бир аз иши боло калса, арасына өзү барып жабышып бийлик кылмак. Андан бир нерсе өндүрүп алмак. Ошондой эки кишини чагым салып уруштуруп ортосунан бийлик алмак. Бирөө береселүү болуп калса сүткө (бир теңгени, эки теңгеге) пул бермек. Он теңге үчүн, карабашыл кишини сатмак. Эрди-катынды бузуп башын ачмак. Катындын башын ачып бийлик алмак. «Көктүн суусун аяба, ак саткан оңбойт» деген ата-бабасынан калган сөздү унутуп, айылындагы кары-жашына татырбай кымыз-айранын тыйынга сатмак.

Өлгөн малынын этин сатмак. Тери-жүндөн бечарага бергенди унутуп, малдуулардын баары сараң болмок. Өлүп жатса да бири-бирине карашмак жок.

Жөнү жок жерден бузуктук иш кылгандын уят-айыбы жок. Бирин-серин мурунку кишилерден калган, акылэстүү карылар: – Мурунку кылык-жорук, жол-жосундан бири да калган жок. Айылдын ичи бузулуп жок болобуз го. Бизди ушундай күнгө салгандар өздөрү да оңбойт го, – деп зар ыйлачу эле. Мына баягы кыргыз эски жолжосунунан ажырап, анын тескерисинче жол-жосунубуз бүт түлкү менен маймылга айланып калды деп айтканын уктум эле. Карыганда адам унутчаак болот экен. Улам эсиме түшкөнүн жазып отуруп сөздүн көбү аралашып, баш-аламан жазылды. Жана сөздү өз ирети менен жакшылап жазышка чамам келбеди.

Жогорудагы жоруктарды билип, көрүп келген адам болгон соң, эриксизден көп сүйлөп, көп жаздым. Миңдеген ката-жаңылыштарым бардыр. Ага кечирим кылып, алып таштарсыздар. Сөзүмдө керек болгондору болсо аларсыздар.

Өзүмдүн эл-журтум үчүн, өзүмдүн өкүмөтүм үчүн ондон бир сөзүм кабыл болуп алынып, кийинки жаштарыбыз үчүн үлгү болуп каларлык болсо, ушул мен карып өлөр чагымда, ушуга канагат кылып бул жалган дүнүйөдөн кетермин. Эсепсиз жаңылыш, каталарымды, ушул жогорку айтылган жакшы адал ниетим үчүн сиздерден өтө үмүт кыламын.

Акылыма келген, билгендеримдин баарын билгенимче жаман көрүп таарынбасын деп жашырбай, милдетим, өкүмөтүм, тарыхыбыз үчүн, кыянат кылышты кабыл кылбадым.

Араб арибинен көчүрүп жазган  Маматкул МУРАТАЛИЕВ

 

ЖУСУП МАМАЙ

 ТИЛЕКМАТТЫН БАЯНЫ

Бисмилла деп жазамын сөздүн башын, жараткан жардам кылар сөздүн артын, тыңшаганга жагымдуу угузарсың, кулактын курчун алган сөздүн баркын.

Өзү черик уруусунан, Ысык-Көлдү жердеген Бирназар байдын жетегинде жетишкен Жылкыайдар Тилекмат Чыныбайдын кыскача тарыхын жазмакмын. Айрым Жылкыайдардан баштап жазышыма себеп болгон нерсе: 1970-жылы октябрь айларынын башында Советтик Кыргызстандын Ысык-Көлдөгү Пржевальский шаарынан берген тыңшагыч кабарчыдан мындай бир кабар уктум. Уккан кабарда «Жылкыайдарды Бирназар бай тарбиялаган. Андан Тилек. Тилек бугунун бирден бир өкүлү Сарбагыш Ормон кандын куну тууралу сарбагыштын өкүлдөрү бугунун үстүнөн арыз айтып казактын төрөсү Тезек төрөгө келиптир, аны угуп, бугудан Тилек барып Төрөтай деген кыздын атын айтып, сарбагыштын өкүлдөрүн кубалап ийген экен. Сарбагыштар өзүнүн аттарын араң уурдап минип качып кетиптир. Тилек бугунун бирден бир өкүлү» – деди. Бирок белектен болушу мүмкүн деди.

Менин оюмча Жылкыайдардын тарбия алгандыгын туура айтты. Тилекти белек болушу мүмкүн деген сөзүнөн улам, Жылкыайдар кандай болуп Бирназар байдын жетегинде чоң болду, Жылкыайдар черик болуп турса баласы Тилекмат кандай болуп белек болушу мүмкүн деген суроо туулду.

Ошол тууралу Жылкыайдар, Тилекматтардын келип чыгышы жазуу үчүн кытай уруусунан санжырачы Төрөкан Акунбек уулу (Атанбек, Туку), черик уруусунан Мамбет, моңолдор уруусунан Молтой жана агам Балбайдын айтып берүүсү, жазып калтырган санжырасынан Үмүттүн эки уулунан баштап бир атадан ашырбай айтып келип, Жылкыайдар, Тилекматтардын чериктигин аныктамакмын. Менин бул жазганым уруу талашып, наам алыш үчүн эмес, – чындыкты кубатташ.

Эми өз сөзүмдөн баштайын. Мурун кыргыздардын ичинде Үмүт деген бир киши болгон экен. Анын Акылжан деген аялы болот. Үмүт бай болгон. Жашы 50дөн ашат, аялы төрөбөйт. Аялы 45 жашында кош бойлуу болуп калат. Курсагы жетилип, билим ээлеринин айтуусу боюнча 9 ай, 9 күн, 9 саат бүтүп, бала төрөлүш алдында Үмүт бай: «Мен элүүдөн ашканча өз денемен баланын үнүн укпадым. Мен талаада турайын, бала түшкөндө кабар кылгыла» деп короодон чыгып, жарда отурат. Ошол мезгилде кулжа айы (4-ай) деп жазылган. Күн алакан-чыктап жаап ачылып турган экен. Бир жигит барат.

Бай, алганың жоо бөрүсү жортуулчу төрөдү, дейт. Ал дегени эркек бала дегени экен. Бай ат коюңуз дейт. Үмүт бай не дээрин билбей, көзүнө жер карала болуп көрүнсө, баланын атын Карала болсун дейт. Бай айтып жатканда башка айылдан кардык таштап, бир киши келип, Үмүт байга берип кайтат. Сүйүнчү үстүндө кардык белгисин байкабаган Үмүт бай санаасы тынганда колуна алган нерсени караса кардык белгиси бар экен. Менин Каралам жерге түшалбай жатса эл кардык таштаптыр деп, элдин кардыгын, баланын бешик тоюн берет. Баланын аты Карала Кардык болуп калат.

Бир жылдан кийин аялы жана бойкат болуп, эркек төрөйт. Үмүт бай элдин көзү, тили тиет деп, баланын атын Чордобай коюп, кыз бала деп, кызча кийинтип багат. Бул бала Каракыз Чордобай аталат. Андан кийин аялы Акылжан өлүп калат. Балдары кийинки аялдын колунда чоңоёт. Карала Кардык 8 жаш, Каракыз Чордобай жетиге чыкканда «Энеси өгөй болуп калды, мен карыдым, балдардын энчисин бөлүп коёюн» деп Үмүт бай малын бөлүш үчүн Сары агындын Экичат деген жеринде (теке айы 6-айда) тумшуктун учундагы Акташтын түбүнө кийиз салдырып, эки баласы, катыны төртөө олтурат. Айтуу боюнча отуз жети жалчы-жумушкери бар экен. Чоң, кичи эркек, ургаачысын айрыбай санап, эки жылгага бөлүп турган кезде, кыргыздын аргын уруусунан Танабай деген алабука минип, буканын куйругун куюшканга байлап келип калат (ошол кезде сепсергилеп жаан жаап тургандыгы үчүн бок кылат деп), ал салам айтып: «Ой, Үмүт бай бул эмнең, жаанда талаага чыгып, малыңды эки бөлүп атасың?» дейт. Анда Үмүт бай: «Балдарга энчи бөлүп жатам, мен карыдым» дейт. Танабай: «Үмүт бай бул кылганың болбостур, балдарың Оң, Сол деп эки бөлүнөт экен» дейт. Танабайдын айтуусу боюнча чоң баласы Карала Кардык Үмүт байдын сол тизесин басып олтурган экен, Сол аталып калды. Карала Кардыктан 8 уул, 8 ата сол дейбиз. Каракыз Чордобай Үмүт байдын оң тизесин басып олтурган экен, анын балдары Оң аталып калды. 8 ата солду санабасак да кыргыз баласы билет.

Азыраак сөз кошо кетейин. Бул Оң, Сол тууралу азырга чейин айтылган сөзгө окшош болбоду. Осмоналы молдо жана башкалар бул эки бала эгиз болуп, энесинин айтуусу боюнча мурун түшкөнү сол бөйрөгүмдө, кийин түшкөнү оң бөйрөгүмдө эле деген деп айтышып, ошол боюнча Оң, Сол деп бөлүшөт. Имам Үсөйүн ажы жана башкалар Долон бий Долондун белинде өлгөндө жанындагы эки баласы эки тарапка бөлүндү, ошону менен Оң, Сол деген сөз келип чыкты дейт. Ушундай көз караштар көп. Кайынысы акылга сыят, чындыкка ээ, – муну изилдөөчүлөр байкаса болот. Мен болсом Төрөкан, Молдой, Балбайлардын сөзүн кубаттап, Танабайдын айтуусун колдойм. Энеси оң бөйрөгү, сол бөйрөгүндөгү баланы кандай билет? Атасы өлүп жатса, эки баласы кандай эле белден эки бөлүнүп кетет?

Башында бир атадан айтып, Жылкыайдарга келемин деп айткамын. Каракыз Чордобайдын үч бала болуп, чоңу кыз – Наал эже, экинчиси эркек – Адигине. Үчүнчүсү эркек – Тагай. Адигинеден 12 уул. Эң чоң баласы Жоро, эң кичиси Боочон. Боочондун балдары өмүр бою журт сурады. Мисалы, Алимбек датка, Курманжан датка. Наал эженин отунчусу Моңол, казанчысы Дор. Отунчу Моңол менен казанчысы Дордон туулган бала моңолдор уруусу. Тагайдын чоң аялынан Богорстон, Койлон, Кылжыр. Богорстондон солто уруусу. Кылжырдан Сарбагыш, Дөөлөс, Бугу, Орозбакты, Тынымсейит. Тагайдын экинчи аялын

Казань шаарындагы мусулмандын каны Тагайга сыйлыкка бөлүп берген, аты Сакадай. Андан Саяк жалгыз. Үчүнчү аялы жана кан берген аты Чегиртке болуп, мындан Черик жалгыз. Мен буларды билишимче толук айтпай, Жылкыайдар үчүн кетип баратам. Чериктен Карача жалгыз. Тагайдын алтын туусу черикте калды. Ошол туу себеби менен Карача кан аталды. Карачадан эки уул – Молдо, Молдокул деп. Молдокулдан 12 уул. Молдодон Кудайменде, Кудайберди, Тайчык деп үч уул. Кудайменденин чоң катынынан Тору, кичи катынынан Байчубак, Акчубак эки уул. Байчубактан Ашым жалгыз. Ашымдын чоң аялынан бала жок. Кичи аялы Кубакайдан Күнтуду, Сатыгул, Кумач, Куттукадам – төрт уул. Куттукадамдан Боогачы жалгыз. Боогачынын чоң аялы Чапылачындан Онтөкөр, Карагул, Майлыбаш – үч уул. Кичи аялы Ырысбийкеден Элмурат, Дилмурат деген эки уул. Дилмурат менен Ырысбийкеден калмактар Анжыянды, Нарын, Ат-Башыларды чапканда колго түшүп, дайынсыз жоголду. Элмураттан Нарыке, Кейке, Борсок, Сарыкөбөн – төрт уул. Боорсоктон Сары деген бир киши бий болгон. Сары бийдин тушунда, кай жерде болбосун атка ээ болгон киши өлсө, Тагайдын сөөгү Анжыянда болгондуктан ошол жерге алып барып коет экен. Ошондой мезгилде бугу Бирназар бай Анжыянга барып, Сары бий менен таанышып, Сары бийдин жалгыз кызы Турнага куда болот. Сары бий токол алат. Андан бир эркек туулат. Сары бийдин чоң аялы Обуген күндөштүк кылып, бала бир жарым жашка чыкканча ат койдурбайт. Ирегенин капшытынан жогору өткөрбөйт. Бирназар бай келин алганы Сары бийдин үйүнө барат. Бирназар бай ала турган келин Сары бийдин кызы Турнаны эл Актамак деп аташкан. Турна дегенче Актамак десек бардыгы билет. Той бүтүп, кызды аткарышка келгенде кыздын энеси Обуген: «Топчу жеткирип келсин, кыз жеткирген кыздын жанында бир, эки жыл тура турган эп. Мен барып туруп калсам, бийдин жашы бир топко барып калды. Келди, кетти, алгы, берги бар жана өзүнө ким карайт» дейт. Муну уккан Топчу Актамакка барат: «Айланайын эжемдин сырын билесиң. Тиги бешиктеги чунактын алы эмне болот. Эмгиче ат коюлбады. Улагадан өөдө болбоду дейт». (Актамак) кайгырбай камыңды кыла бер дейт. Кызды аткарарда Актамак кичи энесине «бала өңөрчү бөкчөң кана, байлабайсыңарбы» дейт. Обуген аны эмне кыласың дейт. Мен силер менен жакында көрүшөмбү, жокпу, ким билет. Мен жат элде кантип жалгыз жүрөм. Жылкыайдарды алайын, Жылкыайдарды алып чыгып өңөрткүлө дейт. Актамактын айтуусу менен аты Жылкыайдар болот. Баланы Топчуга (токолдун аты) өңөртөт. Кыз узайт. Бир канча күн жүрүп, Ысык-Көл жакка ашканда Кудургунун суусуна көз байланып бараткан ымыртка келет. Жол басып суусаган ат башын сууга салса, Топчунун колунан тизгин менен кошо Жылкыайдар бешиги менен сууга түшөт. Корумга кирип кетип жоголот. Суудан чыгып эле талаада жатып калат. Куураган Топчу таң аткыча ыйлап, какшап чыгат. Бирназар бай таң атаары менен элди ойготуп, «баланын сөөгүн таап көмсөк болот эле, Сары бий укса көөнүнө алат» деп, өзү элден мурун суу бойлоп басат. Келе жатса суунун үстүндө бир чатырдай ак нерсе көрүнөт. Бул эмне? Аккуу болсо бул корумга конбойт эле деп жакындап келет. Караса бешиктин үстүнө жайылган ак көбүк экен. Корумдун арасында бир аз токтоо аккан көлмөдө, бир колу суурулуп кеткен бала көбүктү чапкылап ойноп жатыптыр. Бай өз колу менен бешикти алып, бул соо бала болбойт деп, ошондон баштап көз кырын салат. Ал чакта келин төрөгөнчө төркүлөбөйт экен. Топчу бир жарым жыл турат. Жылкыайдар үчкө чыгат. Актамактын энеси Обуген киши жумшап, Топчу келсин, мен кыйналып кеттим дейт. Ал Бирназар байдыкына келип абалды айтат. Бирназар бай, «баргын, Турна эң болбосо үч жылга толсо, барып куда-кудагый менен учурашып келер» дейт. Сары бийден келген жигит (кабарчы жигит) карап олтурса Бирназар байдын чыгданы кош оозу менен жибектен түрүн көркөм чыгарып чырмалган экен. Мына бул чыгданды пери кылды бекен, пенде мындай кылышы кыйын деп көтөрмөлөп айтат. Бийдин аялы «Кудам көзүңө жакшы көрүнсө алыңыз. Муну пери эмес, биз эле кылганбыз» дейт. Эмне бересиң дейт, жигит, алам дегениңизди берейин, алым келгидей болсо дейт.

Топчу жана сарсанаа болот. Эми бул Жылкыайдар тентек болду. Куда аны өз эркине жөн койду. Барганда эжем эмне кылар экен деп. Бул абалды Турнага айтат. Турна унчукпайт. Токол айласы кетип, атын токуп жатканда, анын баланы өңөргөнү байланган бекчөнү көрүп, Актамак эже «Жылкыайдарды таштап кет, мен эрмек кылайын, жалгыз калбайын» дейт. Токол сүйүнөт. Баланы Актамак жетелеп алат. Байдын аялы чыгданды алып жигитке берет. Булар кеткен соң Сары бийдин аялы баласын бир чыгданга сатып кетиптир дейт. Муну угуп Бирназар бай айткандардын адебин берет. Жылкыайдар бешке чыккан жылы шум кабар келет. Ош, Анжианга кесел тарап, кары-картаң, жаш балдар көп чыгым болду, Сары бий чоң аялы менен өлдү деп. Бул боз кыроо кези экен. Жай барабыз деп жүрсө кыш Актамак өлөт. Бирназар байдын Актамакты алган баласы да өлөт.

Жылкыайдар он үчкө чыккан жылы күз боз кыроо мезгилде Жылкыайдар жылкыга кетет. Бирназар бай атын минип барса, күнгөй бети карарган бир дөбөчөнүн кара жагында Жылкыайдардын аты оттоп жатат. Бай дөбөнүн башына чыкса Жылкыайдар чалкасынан жатып уктап калыптыр. Эки колун эки жакка керип жана кучактаган шекилинде, эки ирет жазып, колун бириктирип, үчүнчүсүндө эки колу жетишкенде оодарылып жатып ойгонуп кетет да, көзүн ачып атасын көрүп салам айтат. Бирназар бай саламын алик алып, балам түш көрдүңбү? – деп сурайт. Баласы түш көрдүм дейт. Бирназар бай: «Жылкы эртең оторго көчпөсүн, бүрсүгүнү көчсүн, беш жыл, үч жылдын ортосунда туубай калган, ыраңы сүттөй боз, болбогондо ак-саргылдан тандап семизинен эки бээ кармап тезирээк айылга алып бар» деп, бай бастырып кетет. Айткандай окшош боз бээден экини алып Жылкыайдар жетип барды. Бай айылды чакырып бата тилеп эки бээни сойдуруп ач ичеги ашырбай бышыртып, эшикке кийиз салдырып, элге эт тартат, эл жеп болгон соң, олтура тургула деп бир тай, тоолук чапанды карысына салып, түш жоруйсуңар, ким жоруйт? – деп сурайт. Арасынан бир кишини көрсөтүштү. Бирназар бай көрсөткөн кишиге чапанды берип, түш акыңы бердим, «түштү өзүм жоруймун, унчукпагыла» дейт. Эл өзү түш көрүптүр деп калышты. Бирназар бай Жылкыайдарды чакырып: «бул жерге олтуруп көргөн түшүңдү айт, жалган нерсени кошпо, түштүн башы тоодой, мойну кылдай, ооп кетет» деди. Бирназар бай элге карап «мен Жылкыайдардын уктап жатып кылган аракетин көрдүм, бирок түшүн укпадым, барыбыз тең угалы» деди. Жылкыайдар: «Көлдүн боюна чынар чыгыптыр, башындагы жалбырагы бүт көлдүн төрт тарабын тең басыптыр, жоондугун өлчөп көрөйүн деп биринчи кучактасам колум араң илинди. Экинчи кучактасам тең жарымына жетти. Үчүнчүсүндө колум жетти. Ойгонуп кетип сизди көрдүм» деди. Уккан эл:«бий өзү жорубаса ким жоруйт, кыйын түш экен» деп айтышты. Бирназар бай: «Балам көлдүн боюндагы чынар көлдүн өзү. Жалбырагы көлгө караштуу эл. Сен өзүң көл элинин бир бөлүгүн бийлейт экенсиң. Экинчи колуң жарым жетиптир, көлдүн элин балаң тең бийлешет экен. Үчүнчүсүндө колуң оролуптур, балаңдын баласы ак калпак кыргызды бийлейт экен» деди.

Жылкыайдар 17ге чыккан жылы 1-айда Бирназар бай өлүптүр: сөөгүн Анжианга алып жөнөптүр. Жети киши Аксай менен айланып, Аксайдын сол түштүк башындагы Көкаргын деген жерге келгенде, түн кириптир. Ким калат? Сөөктү ит, кушка жедирбей ким сактайт? Калгандары бир айылга барып жатып кетели дейт, Жылкыайдар мен сактайын дейт. Туз актады дешип айылга кетишет. Эл жатары менен борошолоп кар жаайт. Баякы айылга баргандар, бүгүн Жылкыайдар тоңуп өлдү. Өлүгүн кантебиз дешип, өлдүгө чыгарат. Жакындап келсе Жылкыайдар чалкасынан жатып уктап калыптыр. Көкүрөгүнүн ылдыйын жапкан көкүрөгүнөн көк буу чыгып турат. Бирназар бай түш жоруганда уккандардан бирөө бар экен. Ал: «Балдар бул соо киши эмес экен. Бүгүндөн баштап Жылкыайдардын башкаруусунда бололу» дейт. Ошондон тартып Жылкыайдар бир бөлүк элди бийлей баштайт. Жылкыайдардан Тилекмат жалгыз болуп, Боронбай менен масилеттеш болуп өттү. Казакка барды. Солто Түлөке канга барды. Бугу жок жерде Сарбагыш Шамен менен сүйлөшүп, Ормондун кунун бүтүрүп сарбагыш, бугу эл арасы ачылды. Тилекматтан 17 уул. Улуусу Чыныбай, Теркебай, эң кичиси Алышбай. Солтонкул байдын кызы Наалкандын күйөөсү, кийин болуш болду.

1847-жылы Ормонкандын чоң аялы Кара катындын иниси Алыбек саяк ичинде ырысменде элине батпай, 30 үйлүү киши менен Ормонго көчүп келди. Ысыккөлдө Нышабай, Токой уулу Балбай, Боронбайдын чоң баласы Кылыч менен тамыр тааныш дос болуп жүрдү. Күндөрдүн биринде өз каадасы боюнча Ормон кан эртең менен айылдын четинде дөбөдө олтурса Алыбек жанына келип олтурду. Ормон «бир баладан кумалакты алдырып кел, эл турганча, жылкы байлаганча ойнойлу» деди. Алыбек бир бала жумшап, кумалакты (тогуз коргоолду) алдырып келди. Ойноп отурса Ормондун букасы менен Алыбектин букасы сүзүшүп калды. Бир мезгилде Ормондун букасын Алыбектин букасы качырып чыкты. Ормон «ботом Алыбек сенин букаң менин букамды качырды ээ» деди. Алыбек унчукпады. Ормон кан улам-улам беш жолу катар айтты. Алыбек ага тырчып, сен өзүң эле Ормонсуң, букаң да Ормон беле деди. Ормон же ойнобойм дебей, же көчпөй, илең-салаң болуп калды. Алыбек кетип калалбай турса, Алыбектин эжеси Кара катын басып келет, (Ормондун үч катыны болуп, ар күнү мөөнөт менен үйлөрүндө болот экен) «ээ каным нашталабайсызбы? Күн көп убак болду» дейт. Ормон ордунан туруп басты. Эжеси Алыбекти жүрү деди. Үйгө жеткенде Кара катын эшик ачты. Ормон кир деди. Алыбек үйгө кирди. Олтуруп болгон соң кымыз алып келинди. Ормон ээрдин малбай туруп алдына койду. Алыбек жутуп жиберди. Ормон үйүндө болгондо ар күнү эт жейт экен. Эртең менен казанда эт бышып калган кези экен. Казанчы этти чыгарып, колго суу берип, этти алдыга койду эле, Ормон кол салбай туруп алды дейт. Кара катын бир иш болгонун билип, эмне болдуңар дейт.

Алыбек «Талкактан тарынышып калдыкпы?» – деп күлдү. Ормон сумсайып унчукпады. Кара катын«Ээ каным, сени менен эл дегеле талкакташалбайт. Жаздыктап жаткан мен турсам, кайниң талкакташбай ким талкакташат» деди эле, Ормон «ченеп далпылда» деди. Муну уккан Алыбек тура жөнөдү: «Эт жесем кысыр калган бээм деле бар» деп чыгып кетти. Ал үйүнө барып, аялы Букейге баягы үч жылдан бери туубай калган аксаргыл бээни алып келчи деди. Букей малайын жумшады. Малай кеткенде Букей «мен бээ келгенче эжем менен жездемди чакырып келейин» деди эле, Алыбек: «жездеңдин жылкысы желесинде турат, чакырба» – деди. Эмне болду деп Букей чочуп кетти.

Алыбек болгон ишти Букейге айтты. Эми жакшы болду, жездемдин алдына түшөлү деди. Алыбек: «Катын деген казан-аякты билет, эркектин иши менен чатагы болбойт. Жездең келип бата кылса жебеймин, итке салып берем деди». Букей унчукпай тим болду. Бул сөздү угуп турган бир жасакерчи калтырбай Ормонго жеткирди. Ормон унчукпады, күлүмсүрөп койду. Алыбек алдыртан киши жиберип, бугу ичинен Балбай, Ныша, Кылычтар менен сүйлөшүп, мен барсам батырасыңарбы дейт. Алар келсең тосуп алабыз дейт. Эл ылдый күздүккө көчөрдө Алыбек Ысыккөлдү карай көчөт. Ормон бир кишини тээтиги кул айтып жүрүп, менин кара келтемди, дары жеп, түбү чирип кеңип кетти, алып кел деди дейт. Ал киши барып, Алыбекке Ормондун айткан кебин айтат. Ормон кандын үч аялы бар, бири Алыбектин эжеси Кара катын, экинчиси черик кызы, Куубул Үмөталы, Чаргындын энеси. Үчүнчү аялы казак, Уулбала деген, – Сээлкан, Жаңылкандын энеси. Уулбаланы качырып алганда, Алыбек алып келген. Алыбек Ормондун кишисине «Мен кара келтени берейин. Ормонуң «төмөн жагы кеңип кетти» деп Уулбаланы мага берет бекен?» дейт. Ал киши төкпөй-чачпай айтып барат. Ормон «ал чуу куйрук кул калжырабасын, мен бугунун чоңдоруна кат жазып, киши жиберип көчүртүп алам» дейт. Ормон Боронбай баш болгон бугунун мыктыларына киши жиберет. Алар ана-мына деп көчүрүп бербейт. Ормон бир жерден чатак тапмак болсо кучалакей деп ат коюп, бир канча койду айдатып барып киши коно элек кыштоосуна таштайт экен. Ал койду киши жиберип каратып жүрүп, саны кемисе ошондон чатак таап, док таштамай адаты бар экен. Ал бардык элге белгилүү экен. Ормондун күчала кою келиптир деп Балбай угуп, 30дан ашуун киши ээрчитип барып койдун көбүн союп жеп кетиптир. Ормон угуп, бир канча киши менен Боронбайдын айылына, кызы Куланга учурашканча барып док таштаптыр. Боронбай аксөөктүк кылып тартуу тартмак болуп, Балбай жаштык кылыптыр деп жай айтат экен. Айыпка алган малдарын Субандын уулу Адыл жолдош-жоросу менен алып жөнөйт. Ормон айылда калат. Адыл жөн кетпей мал багып жүргөн бугудан алты үйлүү кишини чаап кетет. Бул кабар элге жетет. Бугу дүркүрөп: «айып десе айып, кыйып десе кыйып деп оозунан чыкканды берип турсак, бул эмне кылганы, Адыл айыл чапмак беле, бул Ормондун иши, бул чалбаш кулду кандай кылсак» дешип кеңеш кылат. Боронбай: үйгө келсе ит кабат кылбагыла, Балбай аттанып айылдан чыксын, чалбаштын эби табылат дейт. Айылдан узап кеткенде Боронбайга билгизбеди. Балбай баштап артынан жөнөйт. Келаткан элди көрүп, ылдамдата бастырып кетели, бугунун пейли жаман деп жолдошторуна айтса, Ормон «катын бугу бизге тиеби, тийбейби» дейт. Ашууга жакындап барганда Чалбаш бураны кармагыла деген чуркурак чыгат. Сарыбагыш башы ооган жакка качат. Ормондун аты бир аңдан аттап өткөндө төөнүн чуудасынан алты кат эшип-сызып, таккан жапжаңы олоңу ортосунан чарт үзүлүп кетет. Шыпырылган ээрди минип, аңга түшүп калат. Аңгыча бир бала аттан түшө калып Ормонду жөлөп, ээрди алып аңдан чыгарат. Балам эптеп мени атка мингиз, сени Үмөталы, Чаргындан кем көрбөйүн дейт. Балага ат карматпайт. Аңгыча кууган бугулар келип калат. Алдында сүйөөсү Боронбайдын уулу Өмүрзак келет. Артынан Нышанын уулу Мырза найза менен тап берет. Өмүрзак тура калат. Мырза туруп калат. Бугулар муну Кылычка айталы, эмне дейт экен дешет Балбай өлтүрөлү дейт дешип, Боронбайдын чоң уулу Кылычка айтат. Кылыч өлтүрүүгө кошулат. Балбайга келе жатып, Кылыч менен Өмүрзак экөө тең дароо макул болот. Ныша элди четтей басып, барлык билгини сага калтырдык баатыр дейт. Муну уккан Балбай, «жөө чалды эмне карап олтурасыңар» деп көйнөкчөн олтурган Ормонду кабыргага найза менен сайып жиберет. «Ык» дегенде оозунан кан кетет. Атка артып, эптеп алпарып, кызы Куландын үйүнө түшүрүп коёт. Кулан төргө төшөк салып жаткызып, жаранын оозуна оозун коюп, канды соруп түкүрөт. Ормон: балам, карачы жакын жерде киши-кара барбы дейт. Кулан карап, кишилер чоң үй жакта жүрөт, бул жакта жок дейт. «Балам сен канды соруп, оозуңду булгаба. Мен жылдыз такта болгондо өлөм, менин сөөгүмдү катып коё албайт. Боронбайдын кара лөгүнө жүктөтүп, кара жамбысын ком жыгачка илип, сенин башыңды ачып, сарыбагыш Уйлубай Калыгулду алып келип, менин сөөгүмдү тапшырат. Сенин беш балаң бар экен, тирүү жетим кылбай кайтып келип ал. Алтын бешик Боталы менен тууган ичинде дос элем. Боталыга айт. Алыбек кулду кармап келип мага курмандык кылсын. Төрөкелдиге айт. Алыбекти алып келгенден кийин катын бугуну эки кол кылып чапсын, үч кол кылбасын, өзү адисеге учурайт. «Эки эп, үчтүн бири артык кеп» деген макал бар» дейт. Ошол түнү жылдыз чыга Ормон өлөт. Бугулар кеңешип, Уйлубай Калыгулду чакырып, Ормондун сөөгүн тапшырат. Куландын башын ачалы. Атаңдын сөөгү менен бар дейли. Кара лөккө жүктөп, Шамшуур кара жамбыны ком жыгачка илели. Кара дейилданы жабалы дейт. Бир баланы «Уйлубай Карагулду чакырып кел, Ормон өлдү деп айтпа, чакыртты де». Бала «мен тааныбаймын» дейт. «Палан жерди билесиңби?» деп сурайт. Билем, жакын дейт. Ошол жерди билсең эки үйлүү киши бар, ак сары башыл үй сайдын ташындай жатат. Бир чоң ак үй бар, үйдүн капшытында байлануу тору ат бар, бутуна чидер салынган. Ошол Калыгулдун үйү деп билгендер айтып берет. Бала барса айдын жарыгында 300дөн артык үй жатат, бир чоң ак үй турат. Мамыга бутуна чидер салып байланган тору ат бар, бала аттын жанына барганда ат окуранды эле үйдөн: «Сен ким?» деген үн чыкты. Бала шашып: «мен» деди. «Атыңды атка жолотпой ары коё кел» деди. Башында чырагы бар экен. Жарытса майы тоңуп калган экен, күйбөдү. Отту тамыз деди. Бала отундан отко салып күйгүзгөн экен. Кимсиң, кайдан келдиң дейт. Боронбайдын айылынан келдим. Сизди чакырып кел деди. «Ким?» «Аксакалдар». «Ормон тирүүбү, өлдүбү?» «Тирүү эле» дейт. Чыныңды айт, катын бугу канды өлтүрүп, айласын таппай чакырткандыр. «Жок тирүү, бар» деп бала карганат. Катыны өйдө болуп бастырма айранын ачып Калыгулга куят. Балага куюп жатса Калыгул: «Болду, катын бугу менин айранымды иче албайт» деп бердирбейт. Суусаган бала ээрдин тамшанып жаланат. Муну уккан эл мындай бир кеп табат: «Сарбагыштай эбин таап, айран аяба. Бугудай тамшанып, бербеген ашка ээрдиңди жалаба» деп. Калыгул аттанып, күн көтөрүлгөндө барса, тополоң болуп жатканда бошонгон чылбыр, тизгинин сүйрөгөн аттар жүрөт. Аны көрүп Ормон өлүптүр деп билет. Калыгулдун алдынан тоскону киши басат. Калыгул айттырбай ыйлап өкүрөт. Өкүргөндө жөн өкүрбөй мындай дейт:

«Мегилжинге чалдырып, каман Ормон не болдуң?

Учу аякты чыгарып турса, аян Ормон не болдуң?» Калыгулду басышып, болгон ишти айтышат. Калыгул: «Ормон каранын каны, катын бугу көмө албайсың, эркек сарбагыш өзүбүз коёбуз» дейт.

Ормондун сөөгүн жүктөп, Боронбайдын кара лөгүнө кара дейилданы жаап, кара жамбыны комдун жыгачына илип, Куландын атын токуп, өзүнө билдирбей башын ачып, жазган катты кийиндирген катындар белдемчинин жан калтасына салып коёт. Кара лөктү буйласынан тартканда аркасынан жөлөй берген дейт. Ормон ошондой чоң киши имиш.

Буйланы алып Куланга бергенде, буйла кармаган кишини: «Колго чаап өлтүрүштү билесиң. Жеткиришти билбейсиңби? Жетеле» дейт экен. Бир баланы жетелетип кошуп берет. Калыгул, Кулан, бала – үч киши эртеси шашкеде айылга келет. Калыгул алдына киши жиберип, Ормондун сөөгүн Үмөталы, Чаргындын энеси Кубулдун үйүнө түшүрөт. Төрөкелди төмөнкү Бишпекти салдырып жок экен.

Үмөталы Ат-Башы, чериктерге таякелерине кеткен экен, аларга киши жиберет. Калыгул ошол күнү аттанып кетет, үйүнө келип, эки күн туруп Боронбайга барат. Саламдашкандан кийин, «Боке, сага келдим, сөөгүм сарыбагыш болгон менен, этим бугу болупмун. Сарыбагыш жөн жатпайт. Менин малымдын арбыны жылаңач уй. Мага көлдүн жээгинен жер бериңиз, мен көл боюна барайын» дейт. Качан көчөсүң дейт Боронбай. Калыгул «Беш күндөн кийин көчөм, көчүңдү жөнөткөндө келип кетерсиң» дейт. Албетте, келем дейт. Калыгул Боронбайга барыштан мурун, барлык малын жыйнап өзүнө караштуу 17 үйлүү кишини камындырып коюп келген экен. Ошол түнү көчүп, бел ашып Сарыбагышка кетет. Сарыбагыштын айылына айылын кошуп, эки бээ жетелетип, бата кыла элек Сарыбагышка жана башкалардан жыйнап, жүздөй киши менен Ормондун айылына барат. Өкүрүп түшөт. Анда Куландын агасы Чаргындын кызы Айсалкын деген болуп, аны эл ырчы кыз дейт экен. Ал мындай деп кошот:

Кан атамдын балдары,

Калганда калың сарбагыш.

Калы акем келет баргыла Калыкемди салгыла.

Кан атамдын ордуна,

Кан көтөрүп алгыла.

Акылы тунук көл дайра,

Кеңешине кангыла.

Төрө акем мында келгиче

Арап кыйбай тургула, – деп.

Бул кошокту Куландын айтуусу менен кошкон экен. Куландын максаты: кыркына үлгүрүп, Төрөкелди келип, Боталы келсе Ормондун керезин аларга айтмакчы экен дейт. Ормондун кыркына Төрөкелди келет. Төрөкелди келгенде Кулан мындай деп кошот:

Аксурдун жалын тараба,

Айланайын Төрө аке.

Акжамбы көөнүн караба,

Көкжалдын жалын тараба,

Көк жолборсуң Төрө аке.

Көк жамбы көөнүн караба,

Кылмышкер Бугу аянбайт,

Кыз тартуулап баралбайт.

Кызылын кыздын карасаң,

Канды кызга сатты деп,

Калган эл сени табалайт.

Чыгымдан бугу аянбайт,

Чыгымга чыдап баралбайт.

Чын дүйнө көзүн карасаң,

Куу чычыркай сарыбагыш,

Канды пулга сатты деп,

Чымчышкан душман дабалайт,

Эми калган сарыбагыш,

Баары сизди пааналайт, – дейт.

Куландын кошогун уккан Төрөкелди чөк түшүп, санын мыкчып: «айланайын кулунум, малдын көөнүн карап, кантип жанга жан албай, Боронбай, Балбай, Ныша, Мырзанын башын албай кантип турайын. Мал, пул алганча күңдүн ыштанын башыма чалам» дейт. Аны уккан Кулан – Төрөкелди, Үмөталы, Боталыны талаага чакырып, Ормон кандын керээзин айтат. Анда Боталы: «Мен кандай болбосун Алыбекти кармап келейин» деп убада кылат. Калыгул менен Шаменди чакырып кеңеш кылат. Анда Шамен айтат: Боталы Алыбекти алып келгиче биз бугу Солтонкул байдан элчи келиптир, аларга үч түрлүү шарт коюп, кеңешкиле деп өзүбүз жакалап туралы дейт. Кандай шарт деп Төрөкелди сураса Шамен:

  • Боронбай, Балбай, Ныша, Тилекмат төртөөнү кармап бер.
  • Сулуудан сулуу тандап, жүз кыз бер, эки жыл катын кылып, болгудайын катын кылып, отун болгонун өзүңүзгө жандырып беребиз дейбиз.
  • Ысык-Көлдү бизге бошотуп бер дейбиз.

Тилекмат, Черик ага катыша албайт. Тилекматка катышып калса, Какшаалда Алыбектен коркот. Ысык-Көлдөн көчө албайт. Анан бизге беттешүүгө турат. Биз акыл менен иш кылсак болот. Качан бугуга чабуулга тиерде Кулан Боронбайдын айылында атасынын кунун алабыз деп сарыбагыш баласын чабат дедирбей Боронбайдын айылына тийбесек. Мында эки иш бар – бири Алыбектин уулунун уулуна Ормон кан өз колу менен ырчы кыз Айсалкынды берди. Бугуну себеп кылып Тилекматтын айылына тийсек, черик Алыбек менен жаман болобуз дейт. Олтургандар угуп турат. Шамендин айтканы дурус деп Төрөкелди кубаттайт. Кулан аттанмакчы болот. Баякы төө жетелеп келген баланы сарыбагыштар өлтүрөбүз дейт. Кулан кандын куну кул менен бүтөбү деп өлтүртпөйт. Кулан келатат деп угуп, бугулар уй кескилеп, садага чаап тосуп алышат.

Эми бугуларга келсек: Ормонду бугу өлтүргөндө Тилекмат жок эле. Анда Анжианга кеткен экен. Келатып жолдо Боронбайдыкына түшөт. Болгон ишти Боронбай кеп салат. Анда Тилекмат: «Кандын сөөгүн алып кеткен Калыгул келдиби» дейт. Келип «сарыбагыштын пейли жаман, мен көл боюна көчөйүн, жер бер» дейт, каалаган жериңе кон дедим дейт. Тилекмат «бугу катын десе арданасың, жүрүмү бар катынчалык акылың жок. Калыгул бугу көчүрбөйт деп сени алдап элине кетиптир. Калыгулду кармап сурасаңар, Шамендин тили байланат эле. Анткени Шамендин атасы Куттуксейит менен Калыгул жатындаш тууган эмеспи? Эми Солтонкул байдын элчиси келгенде угарсыз, тирүү кишинин оюна келбегенди угаарсыз дейт». Аңгыча Солтонкул байдын күйөөсү, Тилекматтын кичи уулу Алымбай келет. Кайдан дешти. Кайнатам бай элчиге барып кел дегенинен барайын деп барсам, Чыныбай акем киши жибериптир барбасын деп. Мен барбай калдым. Баргандар кайтып келди. Сарыбагыш байдын чебин бузбайлы, биздин чепти бай баш болуп, бугу бузбасын деп үч түрлүү шарт коюптур. 1) Боронбай, Балбай, Тилекмат, Ныша төртөөнү кармап бергиле, жанга-жан алсак болду; 2) Сулуудан сулуу тандап жүз кыз бергиле, тону дейилда, мингени топ бузган жорго болсун. Кыздарды эки жыл сынап катындап, катын болгондорун катын кылабыз. Отун болгудайын тонун сыйрып алып жөө жиберебиз. 3) Ысыккөлдү бошотуп бергиле, кайда кетсеңер кеткиле дептир.

Боронбай: «Ээ Тилек, бул кандай кеп» деди эле, Тилекмат: Эң эле сонун кеп. Боронбай, Балбай, Ныша силердин башыңарды алмайынча токтобойбуз дегени. Мени алпарып берсеңер да албайт, сен да кармай албайсың. Казак Качыке чолокко он бугу алыңар келбей, Алыбек келип намысыңарды алып берди. Мага сен эмес сарыбагыштар да тийбейт. Алыбек менен Ормон сөөк дейт. Ошентип, жүр балам деп Алымбайды ээрчитип Тилекмат аттанып кеткен дейт. Аттанып жатып: «Жүз кыз деген сулуу кыздарын эл береби. Жүз кыз деп элге асылсаң, сарбагыш айткан үчөөңдү элиң кармап берет. Калыгулду качырбасаң, мен кошулсам, Мырзаны берип доодон кутулат элең» дептир да кетиптир.

Убада боюнча Боталы Алыбектин артынан түшөт. Алыбек көрүп, күздөөгө барат. Боталы эки жолдошу менен үстүңкү тоодон карап олтурат. Ырысменденин эли Алыбектин алдынан өтүп конбойт экен. Бир малчы батыш тараптагы карагайлуу жылгада бир бугу оттоп турат, мен бирди көрдүм. Андан башкасын көрбөдүм дейт. Алыбек түшүргөн эмерекке көчүгүн коюп олтурган экен. Мылтыган алып атын карай басып баратып, кайтып келип бүктөлүү жаткан туурдукту буту менен тээп жазып, аялы Букейди чакырып, келе мага кемзел, ыштан, байпак алып берчи дейт. Ээ ботом, сен жасанып алып айылга барасыңбы? – дейт. Алыбек «кечээ жөө чал (Ормон) өлгөндө, байпагы өрө кийиз экен деп кеп кылышты эле. Келе кийимдеримди алып бер дейт. (Жөө чал – Ормон) Аялы Букей кейип-кепчип атып: «Үй тиге албай атсам, кийикке баратып кийим деп кычайт» деп ак шайыдан кемзел, шым, тунук жасап, кончунун карыш жерин кара макмал менен кыйган ак байпак алып берет экен.

Алыбек кийип алып, чоң кер атын минип акмалап барса бир соёчор бугу оттоп атат, аңдып барып кара келте менен атып алат. Алыбек атын бир жыгачка байлап, мылтыкты тигиндей бир жерге коюп, өзү бугуну сое баштайт. Боталы жолдошторун чакырып алып: бириң айла кылып атка жет, бириң мылтыкка жет. Мылтыкты албасак мерген кул баарыбызды атып таштайт. Атка жетпесек, кер ат күлүк, качып кетет. Мен Алыбекке барайын. Экөөңөр илгери кийин болбой, бириңди бириң байкап тең аракет кылгыла» деп тапшырып, өзү Алыбекке карай аңдып басат. Алыбектин жүрөгү туябы, же адатыбы бат-бат башын көтөрүп, ар тарабын карайт. Аңдыгандар эки көзү Алыбекте, көңүлдөрү ат, мылтыкта болуп, акыры мылтык менен атка жетет. Алыбек бир атка, бир мылтыкка карап обдулуп атканда «Алыбек, мен ким?» – деп Боталы туурасынан чыгат. Алыбек шалдайып туруп калат. Эки колун байлап, кер атка эмес, бөлөк атка миндирип, сарпоочтоп таңып алып жүрүп кетет. Бугунун бели сынды, сынбаса да сыздады. Кер ат алдында, кара келте жонунда болсо буга киши беттей алабы? – дейт Боталы. Жолдо баратканда Алыбек Боталыга какшап барат: «Мени сарыбагыш өлтүрөт, алды менен Төрөкелдиге бир учураштыр» дейт.

Боталы алып барып, бутуна кишен салып, оозун таңып коюп, Төрөкелдиге барат: «Төкө, кандын осуятын мага тапшырганын орундап, Алыбекти, кара келте, кер ат менен үчөөнү алып келим. Алыбек сиз менен көрүштүр деп кан какшайт. Көрүшөсүзбү, же жокпу, өзүңүз билиңиз дейт. Төрөкелди далайга чейин ойлонуп олтуруп: көрүшпөйүн, мен көрүшсөм анда Алыбек өлбөй калат. Ормон кандын казак аялы Ормондун сөөгүн Кубулдун үйүнөн чыгарды. Үмөталы, Чаргын кандай бала менин балдарым менен сайышкан деп жүрөт деп уктум. Алыбекти Уулбалага тапшырып бер, анын да дарты чыксын дейт Төрөкелди. Боталы эртең менен Алыбекти Уулбалага тапшырат. Уулбала сарыбагыш менин көңүл киримди кетирдиңер деп элге жар салып, эркек-аял калбай келсин дейт. Эки жүздөн ашуун киши келет. Уулбала үч топ кызыл, жашыл, кара макмалды алып чыгып үйдүн жанына коет да, элди көчө кылып коюп, Алыбекти мойнунан байлап, атка чиркеп элди аралата таскактатып шыйракка чаап айдайт. Алыбектин сарыбагышка берген бир кызы бар экен. Буркурап, какшап бир аяк суусун берип, көрүшүп алайын десе уккан киши болбоду. Үйдө эки барып, ылдый эки келип, кайра өйдө тартканда Алыбек күйүгүп жыгылат экен. Уулбала макмалдан аршындап (кулачтап), ким Алыбектин этинен канча кесип келсе, ошончо аршын макмал алат деп жар салат. Айтууда эркек кишиден эки киши кесип келип, макмал алган имиш. Калгандарын аялдардан алды үч сыйралап алып, айрым катындарга жетпей калган экен. Алыбектин ыйлап жүргөн кызы бир кесип келип, Уулбалага берип, байкуш кунуң чыктыбы деп айтып, өзүнө бычак салып өлүп калган экен. Алыбектин сөөгүн эжеси Кара катын сурап алып, кепиндеп көмдүргөн дейт. Сарыбагыш Алыбекке көргө баткыдай жер бербей койгон дейт. Сарыбагыш өз аты Дөөлөс болгондуктан, кийин элдер мындай кеп тапкан экен: «Дөөлөс төрүн бербейт, төрүн берсе да көрүн бербейт» деген. Анткени, Алыбек тирүүсүндө Ормон баштап Дөөлөстүн төрүндө болгон, өлгөндө Алыбектин сөөгү баткандай жер жок болгон. Алыбек өлгөндө Сарыбагыш камынып кол жыйнап, жаз жаркырап эл жайлоого көчүп жатканда Ормондон калган салт боюнча көчкөнчө колду алдына салып, көчтү аркасынан коюп барган экен. Бугу да жыйналып, Кызылкыя деген жерге чогулуп, 1400чө киши Нышага туу көтөртүп турат экен. Жекеге чыгышка туура келгенде Төрөкелди: «Ким барса да Нышанын уулу Мырзанын башын алып келсин. Канка мурун найза көтөрүптүр» дейт. Субандын уулу Адыл «Мен барайын, алдында келсе башын алып келем, келбесе кантем? – дегенде Төрөкелди «аны мен келтиремин» дейт. Адыл менен Мырза дос экен. Биз бардык билгини Адылга бердик. Силер Мырзага бересиңер, кан төгүшүп, какшабай, эл болсок деп киши жиберем, айласы кеткен бугу алдаганды билбейт. Бул жерде билермандары жок. Боронбай, Балбай, Тилекмат жок деп бир киши жиберет. Барган кишиден бугулар угуп, Мырза оозуңа эмне келсе аянбай айтып, кан төкпөй иш бүтүр, кыз десе кыз берели, кызды качан болсо да душманга жаратат. Бирок сен кыйналар жер бар. Ысык-Көлдү бер десе анда кеңешейин деп кайтып кел дешет. Сарыбагыштан Мырза эки киши менен келет. Адыл эки киши менен сарыбагыштан барат. Жакын барганда Адыл кол шилтеп коёт, кишилери туруп калат. Мырза да кол шилтеп коёт, кишилери туруп калат. Бет келген жерде Адыл кол сунуп көрүшкөнчө, аксак сарыңды өзүңө тапшырдым, алыңыз дегенче, кылычты жалаң белине кыстарып келген экен. Шарт дегенче Мырзанын башын кыя чаап, найза менен сайып алып келип, Төрөкелдинин алдына таштайт.

Нышанын кызы бугуда экен. Ал аялга бир сарыбагыш кол сунуп сөз таштаса, колун кагып, сөзүн албай койгон экен. Ал сарыбагыш ушуну өч көрүп, Мырзанын башын алпарып, аялдын алдына таштап:«Мынабу кимдин башы, тааныйсыңбы?» дегенде, аял мындай жооп берген экен:«Ал Чабалай Мырзанын башы. Чабалай Мырза эмес, эчен Чабалай бууранын башы катындар саара кылчу кабакта жатат» деп Ормонго кыйыткан экен. Катынды антип-минтебиз дешип, Төрөкелдиге барса ал: «Мырзанын башын эмне үчүн эжесине алып барып, ал кепти угуп жүрөсүң» дейт. Анда жана бир сарыбагыш дайынын айтат. Анда Төрекелди: «Ат минип керилген азамат десем, кеп билбеген акмак экен. Чаап ташта» дептир. Бир желдет чаап таштаптыр. Нышанын кызы: «Кайнага, сиздин калыстыгыңызга эми ишендим. Өлгөндөр тууралуу сарыбагышта кегим жок» дейт.

Төрөкелди Адылга бир жамбылык дейилда жаба салат. Адыл кайта келсе баякы төртөө бирин-бири тиктеп туруптур. Эки бугуну өлтүрүп таштайт. Бугудан киши чыкпайт. Адыл «Ниязбек» деп ураан салып бугуга тиет. Анда Балбай жок, көкүрөк кесел болуп төшөктө экен. Бул элдерин Каркыра, Текес жакка көчүрүп, малын алыстатып жиберген экен. Адыл «Ниязбек» деп ураан салып ат койгондо, Төрөкелди сурнай менен: «Сарыбагыш эсиң менен бол, качкан жоону катын талап алды деп кылым элге кеп болбойлу. Боронбайдын айылына тийбегиле, Кулан бар; Тилекматтын тобуна тийбе, ажыдаар Ажыбек бар» дейт. Аңгыча Адыл бугуну аралап кирип качып баратканда Нышанын башын ыргыта чаап, аны да алып келет. Төрөкелди: «Балам, сен Адыл, Семетейдин Күлчоросунан кем эмес экенсиң» дейт. Ошондон кийин «Адыл, кел Күлүстөн» дешчү болуптур.

Ал сапар бугуну сарыбагыш колго учураганын койбой чаап алыптыр. Кийин сарыбагыш, бугу беттешип барыптыр, Балбай сырмак ичип жүрүп да келген экен. Бугудан Боронбайдын уулу Кылыч чыгып, сарыбагыштан үч кишини жеке өзү өлтүрөт экен. Адыл көкүрөк кесел болуп калгандыктан аны жүр дебей кеткен экен. Адыл аркадан келсе жекедей Кылыч бар, үч киши өлүптүр. «Ким чыгат, көз ачып жумганча үч киши өлдү» дешет. Үмөталы: «Мен чыгайын, мени көрсө тиги кул качып кетет. Менин ак жал атымды эптеп жакын жеткиргиле» дейт. Сарыбагыш арыбери чайкалган болуп Үмөталыны жакын жеткирет. Үмөталы далдада атын минип, тонун кийип чыга калса Кылыч качат. Үмөталы кууп жетип, этектен түрө кармап, оодара тартып, башын кесип алат. Бугудан киши чыкпайт. Бугу качат. Сарыбагыш жана чаап алат. Үчүнчү жылы жана барамын деп Төрөкелди күүлөнөт. Анда Калыгул: «Төкө кой, барбайлы. Бугу эми өзү элчи салат. Башы кыз, аягы куш дегендей элдешип калалы. Ормон кан керезинде эки кол кылсын. Андан соң тыйылсын деген турбайбы?» дейт. Ага Төрөкелди болбойт. Колу менен барат. Анда Балбай сырмагын байланып алып, баласын ээрчитип бирге барат. Жеке сарыбагыштан Адыл чыгат. Бугудан Дербиш деген чыгат. Иниси агасынын артынан ээрчип, жекелеп чыгат. Дербишти камындырбай, найзасын кагып жиберип, Адыл бөйрөктөн өлтүрө саят. Иниси чыдай албай барып, ал да өлөт. Жекеге киши чыкпайт. Жаны ачыган бугудан бирөө «Балбай, сен түпкө жеттиң, Ормонду өлтүрүп, калганды эсеп кылбаганда Нышанбай, Мырза, Кылыч, бүгүн жеке баатыр Дербиш өлбөйт эле» дейт. Балбай: «Мен кесел болуп калганым болбосо, Адылды куу моюн дешчү экен, куу моюн экөөбүз бир-бирибизди кайтарып элдин четинде жүрчү элек. Сак болсом бир беттешип, армандан чыкпайт белем. Байкашка эми 22 ге чыкты. Байкашка чыксын» деп уулун айтат. Байкашкага Балбайдын аты Тайкашканы мингизет. Адылга чыгарат. Адыл машыккан киши үчүн бастырып тура калып барат. Байкашка жаштык кылып Тайкашка менен эңиш тартып катуу келет. Адыл жазгыра берип, Байкашка өтө бергенде кыйгачынан бөйрөккө коюп жиберет. Байкашка чылбыр коюп барып жыгылат. Тайкашка карматпай бугуга кире качат. Балбай атын минип, эл качканда Кароол Дөбө дегенге чыгып караса, Койсарынын буткулунда көп киши жүрөт. Сарыбагыш экен деп барса Ысык-Көлдүк саяк экен. Аңдып туруп мындан мурун эки сапар бугу качканда олжо алып, сарыбагыштан жерлик аралаш болгон үчүн саяк олжону көп алчу экен. Балбай мурун саяк тууралуу азыраак катын кабар уккан экен. Бүгүн өз көзү менен көрүп: Ой, саяк, сарыбагыштын Ормонун өлтүрүп коюп өлүшүп атабыз. Силердин Тайлагыңар катын үчүн Алыке сокурга байлатып кызын берип араң кутулуп, Тынымсейиттен кордук көрдүм деп арданып өлдү. Ушул ишиңерге караганда канаттуу сагызганга убал жок дечү эле, адамдарда саяк сага убал жок экен деп, 213 саяктын бирин койбой кырып таштаган экен деп айтышат аксакалдар. Сарыбагыш бугунун артынан түшүп кууп келатса тарас кара ат минген, такыя кийген, үкү сайынган бир кыз элдин ичинде пайда болуптур. Кызды кармап алабыз деп элдин баары кыз менен алек болот экен. Кыз элди адаштырып Төрөкелдиге барат. Төрөкелди кызды көрүп чындап аркасынан түшөт. Төрөкелдинин Аксур деген аты колун жер казыкка салып жыгылып колу сынат. Төрөкелдинин ичке шыйрактан буту сынат. Караса бир сарыбагыш жок. Балбай саякты кырып келе жатып капташып калат. Колу сынган атка буту жок Төрөкелдини миндирип, Балбай алып кеткиле деп бугуну кайра тартат. Төрөкелди колго түштү деп жар салгыла дейт. Бул кабарды уккан сарыбагыштар Төрөкелди колго түшүптүр десе, бири өлүптүр деп качат. Андамында жүрүп, муну Адыл менен Үмөталы угуп, бутунун тобунан араң чыгып, Артылма деген жерге келсе сарыбагыш боо түшүп жатат. Ким өлтүргөнүн билишпейт. Адыл менен Үмөталы көрбөйт. Балбай мурун көрүп, баламдын кунун алып бүттүм деп желип кете берет. Саяктын саны анык 213 киши. Сарыбагыштын айтуусунда бири оңко туруптур дейт. Көргөндөрдүн айтуусунда 300 дөн кем эмес дешет. Кандай болбосун Байкашка өлгөн күнү Балбайдын өлтүргөн кишиси 300дөн ашат, кем эмес дешет. Балбайды сыңар мүйүз бука дешчү экен. Сыңар мүйүз менен челген окшойт. Сыңар мүйүздөн кудай сактасын деген ат калган экен. Кара ат минген кызды Төрөкелди жыгылгандан кийин тирүү пенде көрбөптүр. Санжырачылар мүйүздүү байбиченин арбагы колдоп, бугунун тукуму калды деп айтышат. Уккандын баары кара атчан кыз мүйүздүү байбиченин арбагы эмес өзү деп айтышат. Айтууларга караганда Төрөкелдинин буту токооруп калганда Төрөкелди бар үйгө Балбай келип, «Баатыр бут кантип калды» дейт. Төрөкелди «жакшы, жакшы» дейт. Балбай «мындай кылыңызчы көрөйүн» деп бутун бармагынан тартып келип шыйрагын басып коёт. Эми эле кемирчек байлап аткан бут кырс дей түшөт. Төрөкелди: «Бакем ырас кылбадыңбы, эбине кире түштү» дейт. Балбай тамагын жакшылап бергиле деп бастырып кетет. Таяк менен эшик үйгө кирип-чыгып калганда, күздүн күнү эл көчөт. Көгөндөн тең салып эки кап эмеректи теңдеп, Төрөкелдини мингизип, көк буканын мурдун түрүп, уйга кошуп айдайт. Кирген бука уйга секирип жөн баспайт. Төрөкелди «өш, өш!» десе да бука турбайт. Төрөкелди жыгылып буту сынат. Буканы кармап, Төрөкелдини аябай багып, буту басканда колу бүтүп аксап, кынтып калган аксур атына мингизип, өз тонун кийгизип, жүрөгү өлдү, эми керге келбейт деп кетирип жиберет. Ошо менен Төрөкелди керексиз болот.

Сарыбагыш Шамен казак Тезек төрөгө кетиптир деп бугулар утуп, Боронбай, Балбай, Үзүбек, Тагай, Тилекматты чакырып кеңеш салат. Биз кун берчү киши, сарыбагыш кун алчу киши. Сиз калыс киши. Сенин чериктигиң жок. Сиз бугу менен киндик кесип, кир жуушкан адамсыз. Биз кандай кылабыз дейт. Андан Боронбай, Тилек болсо калыс киши, кун албаган, кун бербеген Тилекмат эмне дейт экен. Анда Тилекмат, «мындан наркы кандай болбосун сарыбагыш менен жараша турган билгиңерди берсеңер мен барып келейин» дейт. Олтургандардын баары «Тилекмат сиз калыс киши, билгини бердик» дешет. «Мен бүрсүгүнү аттанам. Учурап өтөм» дейт. Эл тарайт деген күнү Тилекмат Асан деген жигитти ээрчитип Боронбайдын үйүнө келет. Боронбай: «Тилекмат мен уктум. Сарыбагыш Шамен төө, ат, жамбы, чапан, куш катарлуу 9дан 9 алып кетти. Биз эмне алып барабыз» дейт. «Мен өзүм барам. Мен келгиче Төрөтайды эрге бербей тургула» дейт. Төрөтай жөнүндө эки түрлүү көз караш бар. Бир түркүм кишилер – Төрөтай Боронбайдын агасы Мураталы бийдин кызы дейт. Кээ бир кишилер Мураталы бийдин кызы эмес, Мураталы аттуу башка бирөөнүн кызы дейт. Бул сөөк келбети, өң бермети, бардык көрүнүшү келишкен сулуу кыз имиш.

Тилекмат жол жүрүп казактын элине барат. Агын сайда аз суусу бар, ар тарабы жайык бир жерге барат.

Агындын тескей тарабы кеңири жайык экен. 70-80дей үй турат. Ал үйлөрдөн окчун, жанаша эки чоң үй турат. Агындын күңгөй тарабы кылыч ийри келген чийи, майда барат жыгачтуу жер экен. Кайкалаган төө жатат. Төө бар жакта 4 үй турат. Айылдан адашбай Тезек төрөнү табайын деп 4 үйгө келсе, бир үйдөн тумандап түтүн чыгат. Эшик алдына келип, адам барбы деп сураса, кызылдан чыраштап тиккен топучан 40 жаш курамында бир киши чыгат. Салам айтат, саламга алик айтып, кимдин айылы деп сурайт. «Анабу көрүнгөн Тезек төрөнүн айылы. Биз Тезек төрөнүн төөчүлөрүбүз» дейт.

Тезек төрө бул айылга келеби деп сурайт. Ар жума күнү келип, төөнүн санын сурап, кээде төөлөрдү аралап көрүп кетет. «Бугүн жума – төрөм келет, дейт. – Түшүңүздөр, төрөдө кебиңер болсо жакшы сүйлөшөсүздөр. Аноу үйдө кыргыздардан келген элчи жооп күтүп жатат, келгенине 7–8 күн болду» дейт. Тилекмат түшүп үйгө кирсе аялы чоң чара куймак куюптур. Тилекмат кыялында даамдын үстүнөн чыкканда да төрө келет деп даярдык көрсө керек деп ойлойт. Аңгыча аялы буркурап ачыган төө кымыздан (чубат) куйуп, куймак алып келди. Булар тамактанып турганда аттын дабышы чыгат.

Үйдө киши барбы дейт. Үй ээси чыгып салам айтып түшүң дейт. Аттан түшпөй туруп, малың аманбы деп сурайт. Аманчылык, мал сак дейт. Мынабу аттар казактын малы эмес, ким келди дейт. Алардын акыбалын биле албадым, сизди сурады дейт. Биз бастыралы, келерки жумада төөнү чогултуп тургула. Сен айтып берчи канча төө бар деп сурайт. Отуз сокур төө дейт. Жүздү бир сокур деп эсеп кылат экен, 3000 төө болот да. Кетип калбасын деп Тилекмат эшикке чыгып, кол берип көрүшөт. Төрө камчы албай, бир башына сары жез кийгизип булдургу таккан табылгы чыбык колунда экен.

– Төрөм көл кыргызынан келген элчи элем. Биздин элде төрөгө ылайык бир кыз туулган. Төрөтай деген ат коюлган. Ошону сизге арнап айтып келдик дейт. Мындай бир карап, кыздын атын уккан төрө 24–25 жаштар чамасында имиш. Жүрүңүздөр дейт. Аттанып бирге барат. Окчун эки үйгө барышат. Жигиттер чыгып аталат. Төрө Тилекматты кириң дейт. «Сиз кириңиз, журт атасы. Биздин жашыбыз чоң болгону менен букарабыз. Биз кирсек болбойт». Төрө кирет. Артынан Тилекмат кирет. Үйгө кирсе Шамен, ар жакта сегиз жолдошу өзү менен тогуз болуп олтурат. Тилекмат ашкана тартпаган үй болгондуктан эпчи жактагы төргө олтурат.

Тезек төрө айтууларды төрт буту сары жез, эки жаны кызыл мис, ортосу зым тартылган тактасына барат. Жигиттер чай алып келет. Төрө жалгыз. Шамен жолдоштору менен, Тилекмат жолдошу менен, үйдүн ичинде үч бөлөк чай ичет. Дасторкон жыйналганда Шамен: «Төрөм, биздин Ормонканды өлтүрүп, жооп кылбай жаткандар ушулар» дейт. Анда Тилекмат Шаменге андан артык кеп кылдырбай: «Төрөм, сизди көзүм менен көрүп келдим. 3000 төөңүз бар экен. Сарыбагыш сиздин салар кушуңуз. Минер атыңыз. Жетектеген төөңүз жоктой саны 81,9дан 9 деп мазак кылабы? Мен сизге азыркынын балбаны Төрөтай деген 18 жаштагы кыз айтып келдим. Өлтүргөнгө кун бериш туура келсе, Ормонду өлтүргөнүбүз чын. Биз кун берели. Сиздин аталарыңыз Кененсары, Норузбайды өлтүргөндөр ушулар. Булар да кун берсин» дейт.

Тезек аталарын сарыбагыш өлтүргөнүн билет. Билсе да «осалар осома?» дейт. Тилекмат «солор» дейт. Тезек төрө Шаменге карап: «Биз кийинчирээк бир нерсе дейли, кете тургула» дейт да бир жигитти чакырып, атынан айт пай: «Мынабу  кыргыздардын  эч  нерсесине  тийбей элине жеткиргиле, элчиге катылсак эл ичинде жаман атты болобуз» дейт. Сарбагыш кетет. Тилекматты үй которуп киргизет.

Тилекмат эки орун болуп, мен кетейин дегенде, Тезек төрө «Сиздердин жанагы кызыңар чын кеппи, же калппы?» – деп сурайт. Анда Тилекмат чын кеп дейт. Тезек төрө «Биз качан барабыз, калыңы не болот? – дейт.

Тилекмат: качан барышты өзүңүз болжол кылыңыз, канга кыз бергенде калыңды айтпайт. Каадаңыз миң жылкы болот дейт экен. Төрө 25 күндү болжол кылат. Тилекмат кайра келет. Келди деп угуп, Боронбай баштап бир канча эл билермандары Тилекматтын үйүнө келет. Тилекмат барганынан келгенине чейин кеп салат. Анда Боронбай санын мыкчый кармап: «Эми эмне кылабыз. Төрөтайды эрге бербедикпи?» – дейт. Тилекмат: «Катын бугу көз алдыңды көрөсүң, аркаңды абайлабайсың десе арыңа келесиң, мен кетер күнү башкалар эмес Боронбай баатыр өзүң сурадың: биз эмне алып барабыз деп. Мен кыска гана Төрөтайды эрге бербей коё тургула дебедим беле?» дейт. Боронбай дагы санын мыкчып, казакка эмне дейбиз, эсимди кудай уруп, унутупмун дейт. Бирин-бири карап олтурушат. Тилекмат Төрөтайдын эрин чакыртып: «Сен Төрөтайды алып кумарың канып, куршугуң чыккандыр. Эми элге бир кыйынчылык келип атат. Бугудан тандап бир кызды көрсөт. Боронбай калыңсыз үйүңө киргизип берет. Сен Төрөтайды коё бер. Бирок мен алып коё бердим деген сөз оозуңдан чыкпасын» дейт. Боронбай: «Ой балам, Төрөтай тууралу сенден жакшы-жаман бир кеп чыкса өзүңдү дарга асып, калгандарыңды элге талатып ийем. Тилекмат бир кыз ал деди. Кимди аласың, ачык айт. Эртең үйгө киргизип берем» дейт. Жигит бир кызды айтат. Эртеси кызды жигитке алып берет. Катын болгон Төрөтайды кызга теңетип алып жигит ыраазы болот.

Төрөтайды алдырып келет. Катындын укмуштуулары чогулуп келип, «алтын ийне ырбатпайт» деп, жалаң тал жибек жип менен Төрөтайдын эки-үч жеринен төөнөп коёт. Билинбей калат. Бул жөнүндө Төрөтайдын көчүгүн жамаган жеңеси Төрөтай менен тартыша кетип айтып салат. Жалпы элге көп жылдан кийин таралат. Кыштын көбү өтүп, чын курандын аяктарында жана кабар угулат. Шамен тең тууганбыз, сен калыс болуп Ормондун кунун алып бер деп солто Түлөкө канга кетиптир деп жана Боронбай баштап жыйналып, биз дагы Түлөкө канга киши жиберели дешет. Ким барат дейт. Казакка барарда Тилекмат мындан кийин Ормон тууралуу кеп болсо бийликти берсеңер мен барайын деп казакка барып калды. Тилекмат өзү эмне дейт деп токтоп калат. Тилекмат оозуңдан чыккан сөзгө өзүм ээ, мен барайын, буйруган кеп болсо ошол жерде калармын деп эчтеме албай аттанып кетет.

Тилекмат Түлөкөнүн үйүнө барса көчүк басып чай иче электе, Шамен бир солто менен ичигин сайып кумалак ойногон экен. Солто абышка Шамендин ичигин утуп алып, бир жигитке:«Муну үйгө алып бар» дейт. Жигит: «Коноктукун алып алсак болобу?» дейт. Абышка: «Мен утуп алдым, мейли кетсе кетсин» дейт. Жигит алганы басат. Тилекмат тура калып, ичикти алып, Шаменге жаба салып:«Жүр, Шамен кетели, солтону калыс тууган, бугу менен сарыбагышты жууруп журт эзилтип эл кылат деп келсек, чапаныбызды сыйрып алып, тоногон төөдөй кылып, тартайтып айдап иймек турбайбы?» дейт. Шамен турганча Тилекмат эшикке чыгат, аттанып кетишет. Шамен үч киши, Тилекмат эки киши – бир үйгө конок болуп, эртеси ажырашып кетерде, Шамен: «сен болбосоң солто ичигимди алып бербей коймок экен. Шамен ичигин парага бериптир деген кеп чыкмак турбайбы» деп, жанындагыларга ат чалдыргыла деп тигиндей коюп, Шамен – Тилекмат экөө төш тайып олтурат. Анда Тилекмат Шамен баатырга: «Сарыбагышка ээ боло аласыңбы?» дейт. «Сарыбагыш деген мен» деп Шамен төшүн кагат. Анда Тилекмат: кандай кылсак болот, мен бугу эмес, менин атам Жылкыайдардын тушунан бери бугунун элинде чоң болдум. Бир туугандай бирге өскөн болдук. Сөөгүм черик. Ырчы кыз чериктин үйүндө Үмөталы Чаргындын энеси Кубулдун көзү турат. Сарыбагыш сени менен черик кайчы сөөкпүз. Сырыңды айт, Шамен баатыр. Анда Шамен: Мен казакка бардым. анда сен барып, Тилек баатыр Ормонго кун бериш эмес, казактын эки төрөсүнүн өлүмүн мойнуңа арттың, элчиге өлүм жок деп казактар кийин көрүшөрбүз деп жандырды. Сен бугунун катынын кыз деп казакка берип, казак менен жакындашып кеттиңер. Солтого келсем жана келип ичигимди алдырбай өз колуң менен жетелеп чыктың. Солтого кеп өткөрдүң. Түлөкө бир жакка кетип жок экен, эки-үч күндө келет деди. Күтүп жатып эриккенде кумалак ойноп, акыбал мындай болду. Ишен, Тилекмат баатыр, сарыбагыш деген мен. Мен билгини сага бердим», –  дейт Шамен.

Анда Тилекмат «Бергениң ырас болсо бугудан Ормондун кунун ашырып болдуңар. Катардагы кишиден Боронбайдын уулу Кылыч, Ныша, Мырзаны баш кылып, Байкашканы жаш дебей өлтүрүп, эки катар чаап алдыңар. «Үч, үчтөн кийин күч» деп, набсини ачып коё берип, Төрөкелдини керектен чыгардыңар. Шамен, мен бир черик, калыс кеп кылам. Билгини мага берсең Ормондун эми калган куну миң тай, миң тайга бергис бир тай дейт. Палан айдын палан күнү Чиркей Кенжебайдын Кененсарынын ашында миң жылкыга чыккан Сары кер атты жетелеп 400 бугу менен келип бата кылам, кырк бээ чай ичирем, болдубу?» – дейт. Шамен: «Болду Тилекмат, болду» – дейт. Болжогон күнү Балбай келбейт. Боронбай баштап Сары кер атты кунга деп, кырк бээни аза бата чай деп, 40 бугу келип кырк бээсин коногуна бугу өзү жеп, Чиркей Кенжебайдын Сары кер атын таштап кетет экен. Ошо күндөн тартып эки эл өлгөн-житкенине бата кылышып, куда сөөк, дос-тамыр болуп кадырлашып кала берет деп айтышат.

Мунун мындайлыгын Балбай бугу Сасык дегенден 16жылы эл келгенде жазып алат. Кытай уруусунан Төрөкан 16-жылы чоң качкында көлдүк кытай Төлөбердибай Какшаалга кыштап калып, кайта кетээринде Ысык-Көлгө көчүрүп барып, 17-жылдан 22-жылга чейин көлдө туруп калат. Сасыкты өз көзүм менен көргөнмүн, бирге жүргөнмүн деп айтат. Төрөкан 5 жыл туруп угуп келген бул толук кабар Тилекматтын чоң уулу атактуу Чыныбай баатыр, Серкебай, Оболдомоч, кичүүсү Алышбай болуш – буларды жазбадым. Жылкыайдар Бирназар байдын жетегинде чоң болду; Тилекмат бугунун өкүлү, бирок, белектен болушу мүмкүн деген кебин тыңшагыч кабарчыдан өз кулагым менен угуп, Жылкыайдар Тилекматтын чериктигин жана анын кылган иштеринен азыраак жаздым. Муну укмуштап издеп, көркөмдөп жүрбөдүм. Бугу уруусунан Сасыктын айтуусу, кытай уруусунан Төрөкандын айтуусунан алдым. Сасык 16-жылы келип, бул жакта калган экен. 1970-жылы дүйнөдөн 94 жашында Үчтурпандын Жамансуу деген жеринде кайткан экен. Төрөкан 1980-жылы 85 жашта Какшаалдын Меркеч деген кыштагында дүйнөдөн кайтат.

Кыргыздын оң, солго бөлүнүшүн, кытай Төрөкан, моңолдор Молтой, агам Балбайдын айтуусу боюнча жаздым. Бардык элге дайындуу ар бир уруунун санжырачылары өз урууларын мактайт. Агам Балбай, Моңолдор Молтой, кытай Төрөкан, бугудан Сасык, сарыбагыш Мамыркан молдо – булар черик эмес. Башка уруулар черик санжырачыларынан алган болсо да аз алган. Черик тууралуу булар калыс деп башка санжырачылардан толук алган.

Эскертүү

Чыныбай, Серкебай, Алышбай, булар Тилекматтын балдары. Жоломан, Паракан булар Чыныбайдын бал дары.

Тууганга кара санаган туура жалчыбайт. Серкебай Чыныбайга кара санап, Балтабай менен бирлешип, кийин Чыныбай өлгөндө Балтабай Серкебайга карабай таштап койгон. Көк инектин сазында Серкебай уй кайтарып жүрүп, аны бука сүйрөп өлтүрдү. Жазып калсак жашырыпжапбай, чериктин абийири ачылат дебей ачык жа забыз.

Казак Кененсары төрөнүн ашын берип миң жылкы сайганда Наймаке саяпкердин айтуусу менен Чыныбай ээ болуп чаап, чиркей Кенжебайдын Сарыкерин чыгарып, байгесин казактын өзүнө айдатып келип алды. Четке түшүрүп таштаганда 570 кыргыз барган экен, киши башына 50 кишиден, 1500 сом жыйнап, казакка эженин көзү турса, казак түбү тууганбыз, азыркысы сөөктүк кылбай, жат кишиче ашка чакырдың. 500 сом чай, 50 сом аза-бата, 500 сом конокко жардам дегенде Чыныбайдын кебине уялып, элдин ортосунан орун берип кондурду. Наймаке Сарыкердин бир күндүк эти турат дегенде Чыныбай: «Биз алыстан келдик. Атыбыз арып калды. Бир күн туруп бергиле. Болбосо ашка келип конок болдук. Ат чаппай кетели, экинчи биздин балабыз жол билбейт. Атты кара жолго салалы. Тууну Корумдуу сайдын ар жагына саялы. Сайдан ашкан атты кишинин баары көрөт десе, казак эп көрүп, айтканындай кылды. Корумдун сайына казактын Каракери чыгып келип, сайга келгенде такасы жок экен, кара жолго салып, катуу жерде таманы ооруган ат өксүп калды. Сарыкер чыгып кетти. Казактын элине барып, ой ойлоп атканда жаңы келинден жел чыгып кетип, келин өлүп калгысы келип ууну алганда, Чыныбай келинден сурап алып (эки куда эки жүздүн башчысы экен), булардын амандыган сактап калды. Эки тарап тартуу берип узатты. Жандыралы келет экен деп жол тоскондо, Чыныбай ар жактан тосуп, Жандыралы менен күймөгө түшүп келсе Шабдан жолдо экен. Жандыралы Шабданга карабай өтүп кетет экен. Ошондо Шабдан «Канжой Карагул мага кылды, бүткүл Жандыралы менен күймөдө кетти. Мен кара жолдо отуруп калдым» деген экен.

Шамендин уулу Байтерек, Байтеректин уулу бала Балбак. Шабдан Нарындан жолдоштору менен келатып бала Балбактыкына бир конуп өтөлү деп киши жиберсе: «Шабдан келип консо коно бербейби? Мага конок айттырып конобу? Мага конок айттырчу үч киши бар. Шабдан өзүн ошолордун катарында санайбы? Мага солтодон Кара Байтик, Сарыбагыштан Чоко, чериктен Чыныбай айттырса болот» дейт экен. Жиберген киши айтып барганда Шабдан жакасын муунта кармап, мени да кудай жараткан деп бастырып кеткен экен. Ошол жылы бала Балбакты туугандары Мураталы өлтүргөн экен. Элдер Балбак Шабдандын каргышына калды дептир.

Андан мурун саруу Мамырдын көчүнө тийген Сары Орозду саруулар өлтүрүп таштаганда, Мамырды Шабдан чыгым тарттырбай орустан сурап алган экен. Чыныбайдан назары сынгандан кийин өз баласы Мөкүштү орус камаганда сурап ала албаган экен. Чыныбайдын уулу Жоломан Солтонкулбайдын ашында кара кашка аргымак чыгып келип, миң жылкыны алганда Солтонкулбайдын Наалкан деген кызы Чыныбайдын иниси Алышбайдын аялы. Солтонкулбайдын ат кашка деген айгырынын үйрү 17 ат ичинде 97 экен. Кабыланкер деген айгырдын үйрүнө 13 ат ичинде 63 экен. Эки айгырдын үйрү 30 ат менен бир жүз алтымыш жылкыны айдатып коодон чыгартып жиберип, окшош сурунан Жоломан жети бышты эркегинен карматып алып калганы оң, сол баарың келипсиң, кара кашка аргымакты баарың көргөнсүң, бөлүшүп алгыла деп бастырып кеткен экен. Ошондо эл чуркурап, 833 жылкыны бөлүшүп алып, моңолдор сурнайчы Күрөңкөй бегилик черикте дегени чын экен дешет дейт. Анда бугу Сасык бирге бар экен.

 

АЛЫКУЛ КЕНЕНБАЙ УУЛУ

ЭЛ ООЗУНАН

Сөз башы

Мен, Кененбай уулу Алыкул, 1913-жылы Тянь-Шань районундагы Акбулакта жарык дүйнөгө келгем, азыр 80 жаштамын. 1954-жылы, тогуздун айынын он жетисинен баштап, өз кызыгуум менен атамдын иниси, агам Кулжа Ысманалы деген чоң санжырачыдан үйрөнө баштадым. Бул киши Рыскулбектин тукумунан, чоң молдо, эки дүйнөнү айтып сүйлөгөн даанышман карыя эле. Ыраматылык 96 жашында, мындан отуз жыл мурун бу дүйнө менен коштошту. Ал чакырып, жанына отургузуп: «Алыкул, сен санжырачы болосуң. Киши эле болсо санжырачы боло бербейт. Сен сөзгө амал кыласың, сенин колуңдан келет» деп айтып, кагазга жаздырган. Андан кийин эл ичиндеги ар бир уруунун «Мен санжырачымын» деген кырк сегиз санжырачы кишилер менен сүйлөшүп, даанышмандын залкар сөздөрүн угуп, алардан таалим алып, ошонун баарын бир ыраатка келтирип жазып жүрүп санжырачы болдум. Өзгөчө ошо кезде саяк, жетимиш үчтөгү Багыш ырчы, азык, токсондогу Сары Сарымсак санжырачы, кушчу, алтымыштагы Чоробай уулу Абдыкалык акын менен сүйлөшкөндөрүм мага чоң таасир берди. Санжырада кырк уруу кыргыздан 152 уруу түзүлөт. Мына ушулардын элдин тиричилигин, өнөр кесибин, эл билгендерин, эрдиктерин, баатырлыгын, дайнын, адамдык касиеттерин, терең эмгектерин, албан сөздөрүн колдон келгенче кызыгуу менен жаздым. Бул айткандарды жана ар адамдын элдик эмгектерин толук көрсөтпөсө санжыра маанилүү болбойт, киши канааттанбай калат. Жалаң эле атаны тизмелеп коюш максат эмес.

Сексенге таяп калганда республикадагы санжырачылардын мелдешинде экинчи орун ыйгарган соң, белди бекем бууп, ого бетер шерденип калдым, кийинкилерге бабалардын дайнын жазып эстелик калтырайын деп.

Эл оозунан өткөн кылымдар бою айтылган маанилүү окуяларды өчүрбөй жазып, эбактан берки ачылбай, билинбей көңүлдө калгандарды алып чыгып, кыргыздын эрлерин жана шерлерин, тубаса өнөрпоздордун, олуя жышаналуу адамдарынын башынан өткөргөндөрүн дагы изилдеп, улуттун рух казынасына кириш кылсам деген отуз тогуз жылдан берки тилегим.

Тегимди аяк өөдө айтсам: 52 атага жетип токтойм: Менин атым Алыкул. Атамдын аты Кененбай.

Атам Кененбайдын атасы.

Байсеркенин атасы.

Сукандын атасы.

Эр Эсенгулдун атасы.

Болот бийдин атасы.

Үчүкөнүн атасы.

Сарсейитбийдин атасы.

Сүтөйдүн атасы.

Манаптын атасы.

Дөөлөстүн атасы.

Сарбагыштын атасы.

Тагайбийдин атасы.

Акуулдун атасы.

Долон бийдин атасы.

Домбул бийдин атасы.

Калмакбийдин атасы.

Телкозу бийдин атасы.

Муратбийдин атасы.

Сары бийдин атасы.

Санкап бийдин атасы.

Шүгүр бийдин атасы.

Атан бийдин атасы.

Арстан бийдин атасы. Тимуш бийдин атасы.

Шабыр бийдин атасы.

Кылмый бийдин атасы.

Калыйдин бийдин атасы.

Кабырхандын атасы.

Турахан бийдин атасы.

Арстанхандын атасы. Алыхандын атасы Аргынхандын атасы. Кашыкхандын атасы

Камбархандын атасы

Бураканхандын атасы. Эршенбийдин атасы. Шаршенбийдин атасы Ансалык хан болгон.

Рашидин ак хан болгон.

Аналак хан болгон.

Аллак хан болгон.

Шаданбек падыша болгон.

Сапарша падыша болгон.

Кыргыз атасы.

Жайылкандын атасы.

Алашдын атасы.

Синбайдын атасы.

Түрүк түп атабыз.

Түрүктүн атасы Жапиз.

Нуу байгамбар атасы. Адам Ата.

Адам Атадан ылдый баштасак деле Кененбайдан Алыкул болуп 53 ата болмок.

* * *

Эми санжырага кызыккан кийинки уул-кыздарга айтар насаатымды мобинтип айтамын.

Жети атасын билбеген, барып турган эндейлик. Атасын баалап-билбеген,– алабарман зөөкүрлүк.

Балага мазар – ата-эне. Ата – бийик, эне – ыйык. Атаэне нааразы болсо, ага сыймык конбойт.

Аталаштан алтоо болсоң да, а дешпесең кас болот. Энелештен экөө болсоң да, ээ дешпесең жат болот.

Жакшы сөзгө, санжырага, тарыхка көңүл салып, аны билбеген ал эч нерсенин баркын билбейт, ал караңгы түн.

Санжырадан кеп салсак

Тарых-санжыра билүү бек керек: өткөн калктардын ал-абалын, тиричилик кылганын жана өнөр кесибин, ататектик касиеттерин билдирип, көрсөтө турган бир өзүнчө илим жана билим болуп эсептелет. Кайсы коомдон, кайсы уруктан экендигин билдирип көрсөтөт.

Тарых-санжыра билген атамзамандын абалынан акырына чейин бир орунда отуруп, миң жашаган адам катары билишет. Жаш болсо да, кары болсо да тарых-санжыра билген адам даанышмандык, акылмандык катары сүйлөйт да, күтүп кармайт. Мурас катары ыйык сактайт. Акыл парасатсыз адамдар эч нерсенин баркын билбес, жүрөгүндө оту бар жигиттер карылар тырышып билишет. Ата – бийик, эне – ыйык, бул экөө балага мазар болот. Бул ата-энебиз сегиз жанаты сайрандап келишип, бу Бакы дүйнөдөн тиги Бакы дүйнөгө кеткени айдан ачык, күндөн жарык. Адам атанын камыры Сырандепке коюлган экен. Ава эненин камы Жийде шаарына коюлган экен. Андан соң экинчи атабыз Асырети Нуу байгамбар болуп эсеп телет.

…Төртүнчү атабыз – түрүк, Жапиздин эң улуу баласы. Түрүктүн уруулары бүт Азияга тараган. Жапиз өлөрүндө улуу баласы Түрүктү өз ордуна падыша коюп, кайтпас сапарына көчөт.

Түрүк калыс, даанышман падыша болуп, узак өмүр сүрдү, тогуз уулу тең падышалык кылды. Ал далай жерден Ысык-Көлдү жактырып, көл боюна үй тиктирип, тулгага казан асып даам бышыруу, даамга туз салуу, тогуз айып алуу ж. б. расмилер Түрүктөн калган. Анын ак туусу боз үйдүн түндүгү менен сайылган. Ак туу кийин Угузхандын учурунда канга боёгондуктан кызыл тууга айланган. Түрүк өлөрүндө эң улуу баласы Түтөктү өз ордуна падыша көтөрүп, өлүп, ошол Ысык-Көлдүн күңгөй жаккы башында Жетикарагайдын чатында коюлган деген имиш бар.

…Жетинчи атабыз Жайыжан атадан алты уул: Кара калпак, Разак, Казак, Сазак, Кыргыз, Кыкыз. Кыкыз мындан 1500 жыл мурун казак-кыргыздан энчисин бөлүп алып, ислам дининен кол үзүп, буда динин кабыл алып, Алтайга көчүп кеткен. Өзүнчө кыкыз эли болуп, Алтайда турушат. Кыкыздын бир Махалы деген баласы менен кетет. Үчкөнүн төртүнчү уулу Эрденей ошол Алтайда бирге турат.

…Кыргыздын алты уулу болгон: Сапарша падыша,

Шааданбек падыша, Аллакхан, Аналак, Рашидин акхан, Ансалык хан. Бул алты уулунан 40 уул болуп, 40 урук кыргыз пайда болгон. Мындан 152 уруу түзүлөт.

Онунчу атабыз Долонбий жоокер киши болгон. Анан аял жандуу экен, сулуу аялдарды көп алган экен өмүрүндө. Атасы Домбул бий сулуу аялдан кем тукум болот деп, Телкозу бийдин тукумунан Өскөндүн кызы Бактыканды Долонбийге алып берет. Жыл өтүп, Бактыкан ай-күнүнө жетип төрөмөкчү болот. Анын толгоосу башталганда Долонбий «Желенин жанына барып жатайын, ошол жерге сүйүнчү барар» деп камданат, Калпакбийдин тукумунан Мурадил молдону «асан чакырып, атын кой» деп дайындайт.

Биринчи бала төрөлүп, Мурадил ага асан чакырып ат коюп, Долонбийге сүйүнчүгө барат.

«Бир ак уулду болдуң. Атын Абыл койдум» дейт Мурадил.

Мурадилге ак боз бээни кулуну менен сүйүнчүгө берет. Бактыкан экинчи уул төрөйт. Мурадил молдо асан айтып, дагы сүйүнчүгө барып: «Дагы бир уулду болдуң, атын Кабыл койдум» дейт. Долон бий кула бээни кулуну менен дагы сүйүнчүгө берет. Мурадил эки бээни кулуну менен алып жолго түшөт.

Бактыкан эне айткан экен: «Эң мурунку уулум оң бөйрөгүмөн, кийинки уул сол бөйрөктөн түштү» деп.

Долонбий элинен чыккан аярларын, карыяларын, даанышмандарын бүт чакырып, чоң той берип, элден бата алып бешик той өткөрөт. Эки баланы бир бешикке салган экен…

…Илгерки мыкты санжырачылар Оң Ак уулдун тукумунан 500 атадан, Сол Куу уулдун тукумун 256 атадан, баары 756 атадан кыргызды тараткан.

Кыргыздын дайны жөнүндө

Кыргызда акылман, даанышман, айлакер, чечен, сынчы, акын, чеберлер болгон. Булар элге өз кудурети, аракети, көсөмдүгү, мээнети менен көрүнгөн. Аларды эл сыйлаган.

Санжырада эзелтен кыргыз жаралгандан бери калктуу элди башкарган кан, баатыр, эр, бий, бектерди санап айтышат. Илгеркиден беркини баатыр, эрлерди санап: оңдон Тагай бий, Карачоро, кыпчактан Эр Табылды, Шырдакбек, Нойгут, Катаган Кан, Садыр, солдон Жаман Кара, Темир уулу Төрөкелди, Эр Эшим, Курманбек, Адыл, Балбай, Байтик ж. б. айтсак болот. Булар кара жанын аябай, акыл күч менен кыргыздарды душмандан коргоп, ага бүлүк салып, кас-жоону жерден сүргөн, журт үчүн кызмат кылышкан.

Кийинки кылымдарда эл-журтту башкаргандарга, билгендерге төмөнкүлөрдү айтышат: Эр Эсенгул, Атаке, Ормон, Жантай, Шабдан, Ныязбек, Чоко, Казы, Касымалы, Рысбек, Жанкарач, Байтик, Кыдыр аке, Тилекмат, Боромбай ж. б.

Санжырачы Черик Сарбандын 1916-жылдагы кыргыздар жөнүндөгү маалымат:

Нойгуттар 6000, жедигер 4000, наймандар 2000, моңголдор 2000, жетиген 1000, чериктер 1300, дөөлөс 4000, бөө кыпчак 3000 түтүн болушкан. Булар Кашкар тарапты тогузунчу кылымдан бери эле жердеп калган урук-уруулар.

Манастын түп аталары

Түп атабыз Түрүктөн бери өзүнөн баштап, тогуз уулу падышалык кылып, жетинчи ханы Карахандын алты уулу болуп, ар биринен төрттөн жыйырма төрт уулу болгон. Эң улуусу Угузхан. Угузхандан Бабурхан. Бураханбийден Байгур, Уйгур. Уйгурдан: Бейөнхан, Чаянхан.

Булардын тукуму Алтайда көчпөй калса керек. Алтайдагы кыхыз менен бир, Үчкөнүн уулу Эрденей болуп чогуу жашаса керек. Байгурдан Көкөй, Түбөй, Көкөйдүн Корозду деген уулунан Бакай аба. Түбөйдөн үч уул: Ногой, Шыгай, Чыйыр. Шыгайдан Жапак болгону. Чыйырдан тукум жок. Ногойдон Орозду, Үсөн, Жакып. Ороздудан’ он уул. Чагатай, Чегетай, Капатай, Бөбөтай, Багатай, Татыпай, Бакытай, Сарытай, Катынай, Табатай, Ордобай.

Үсөндөн Көзкаман. Жакыптан Манас, Абыке, Көбөш.

Сынчылык өнөр

Кыргызда Тагай бийден бери Жантайга чейин алты сынчы болгон. Алар ар бир учурда пайда болуп, ар учурдагыларды айтып, сынап кетишкен. Айтканы айткандай келген.

Санчы Сынчы. Аты Санчы сынчы делип эл оозуна кийин айтылып кеткен. Ал сарбагыш тукумунан Көкжар дегендин баласы болгон. Сарсейит бийдин айлында болгон. Бул сынчыны Солто чакырып барып, төрт уулун сынаткан экен.

Биринчи Күнтууну айтып келип, «Сенин аттарыңдан күлүк көп болот» деген экен сынчы. Кийин Күнтуунун сегиз уулунун эң кичүүсү (Сарбандын) тукумунун бир Керкашка атын Байтик чаап (Шабдандын ашында), миң жылкыга чуркап чыккан Керкашка ат ошол Күнтуунүн тукумунун малы.

Экинчи, Күнтууну сынаган Сынчы. «Сенин тукумуңдан табыпчы, молдолор чыгар»– дептир. Айткандай, кийин Күнтуунун, Чылпактын тукумдарынан молдолор көп чыккан экен. Талкан деген уулунун тукумунан табыпчылар чыккан экен.

Үчүнчү, Айтууну сынаган сынчы. «Айтуу, сенин тукумуңан, кыздарыңардан сулуу көп болор» деген экен. Айтуунун сегиз уулунун кыздары сулуу болот деп талашып алчу экен. Бирок, кыздары барган жерлеринен анча атак алган эмес экен.

Төртүнчү, Чааны сынап көргөн сынчы. Чаа үч жыл бечел калган экен. Чааны сынап көрүп, буга эки сын бир келди го деп айтат. Биринчи, тукумунан эр баатырлар чыгат. Экинчи, эл бийлегендер чыгат дейт сынчы.

Чаанын алты уулунун Жутма деген уулунун тукумунан Жаманкара деген эр чыгып, катылгандын катыган берип турган, эрегишкен казактар алдап, конокко чакырып барып, алты киши менен жарак албай барганда, эңкейип эт жеп атканда мойнуна чөлмөк салып сүйрөтүп, Кененсары, Норузбай өлтүрөт. Эми кыргызды Ала-Тоодон ашырабыз деп калың кол менен кирип келип, он алты жашта Ормондун опузасы менен Мыкан сууда кырылат.

Чаанын тукумунан эл билгени алты уулунун Кепер деген уулунун Жанкарач, Канайдан Байтик баатыр Кокон канынын аскер башчысы Рахматилдени мууздап, Бишкекте өлтүргөн. Канайдын таштап кеткен аялынын боюнда калып төрөлгөн Байтик Шабдан менен эл бийлеп, тең тайлаш чыккан экен. Бирок, Сары өзөн Чүйдө экөө тең кеңештеш болуп, ынтымакта жашашкан.

Санчы сынчы Орозбектин беш мырзасына барып, кол башындагы эң улуусу Арык мырзадан бир кашкулак мүчө, корс кыял бирөө туулар дейт. Балбай болсо керек. Алымсейттин Жаманкулунун тукуму көп өсөр. Тынымсейиттен Бортукту сынап, сенден эгиз бала болуп төрөлүп, анын тукуму өсүп, эл билгендер чыгат дейт. Сарсейит бийден үч уул Үчүкө, Түлкү, Канкудаян. Канкудаян кан чеңгелдеп төрөлөт. Кан болгондо жолу катуу болуп, элди ачарчылык басып, кыргыз ысар ашып, кара көпөлөк айдап көчкөн.

Канкудаян сынчыга «сен мени сына, мен кандай өтөмүн, менден тукум кандай болот?» деп айтыптыр. Анда сынчы айткан экен: «Кыстаба. Мен сынаганда бир чабасың, менден сын кетет, сенден сыр кетет. Мен сынабасам экен»,– десе болбой, «сынайсың» дей берет. Айла жок, сынайт. «Сенден тукум болбойт. Ач бел, куу жолдо өлөсүң» дейт.

«Эмне деп Төөбөз деген аты менен качырып келип Санчы сынчыны бир чабат. Койнунан боз коён булт этип ыргып кетет. Сынчыдан сын кетет, кан Кудаяндан сыр кетет. Канкудаяндан тукум болбойт. Анжыян жакка баратып жолдо өлгөн экен.

Деле кан Кудаяндын сурагы учурунда, анын жолу катуу болду, жакырчылык, ачарчылык басып, элди кара көпөлөк айдап, шамалдай учуртту. Эл көчтү, «казак кайың сааганда, кыргыз ысар ашканда» деген сөздөр ошондон калган.

Кара көпөлөк кара дөбөт болгон.

Кокон хандыгы кыргыздардын улууларына, карысына өч эле: «Элди бизге карай үндөйт, журт башын бузат» деп, кулдукка ичкери жакка айдап кетишкен же кийим менен тамак коробойт дешип башын алышкан. Кокон хандыгынын зулумдугунан коркушкандар аталарын, улууларын жатка бербей көрүнгөн жерде, үйлөрүндө, чоң үкөктөргө эптеп жашырып катышчу экен.

Бул зордукка моюн сунбай бир жигит атасын үкөккө катып жүрүптүр. Моңолдор абышка акылман экен. Көзгө аткан мергенди таап, жол тостуруп, «көч, көч» деп тилин салып баратканда кара дөбөттү аттырып салганда эл көчпөй, жаны жай алып токтогон. Самсыган көч суу жок, какырга капталат. Ошондо Моңолдор абышка дагы айткан экен: «Сууну уй табат». Эл ишенип, ишенбей уйду агытса, бир өңүш жерден чалчык суу табат. Чөөт казып, караңгыда суу алышат. Эртең менен кудуктан суу алса кудуктун түбүндө алтын жатат. Кармайын дегенге карматпайт, жоголуп калат. Баягы Моңолдор абышка айтыптыр: «Маңдайкы тоодо алтын бар, күндүн чагылышы менен суунун түбүнөн көрүнүп атат» деп. Бул сөз дароо Кокон хандыгына жетет: бир олуя абышка чыгыптыр, алтын табат экен деп. Кокон ханынын аскер башы «алып кел» деп желдеттерин жиберет.

Кокон хандыгынын желдеттери баягы акылман Моңолдор карыяны үкөктөн сууруп алып ак сарайга алып барышат. Кокон хан кылычты чаппай коё тургула деп, «абышка сен элди кара көпөлөк айдаганын кантип билдиң? Уй суу табарын кантип билдиң? Тоодо алтын барын кантип билдиң?» – деп сурайт. Анда Моңолдор абышка: элден береке качканда кара көпөлөк айдайт, кара дөбөт болот, дейт. Ал эми уй суу табарын уйдун мурдунда тердеген шыбоо бар. Ошол аркылуу уй билет. Тоодо алтын барын, суунун, күндүн чагылышын алып, тетиги ай тийген тоодо алтын бар дейт.

Муну уккан Кокон ханы, «кой, карыны өлтүрүш болбойт тура, карыдан нуска чыгат тура» деп, ошондон кийин карыны өлтүртпөй калган экен. Элдеги «нуска моңолдордо» деген сөз ошондон калган экен.

Убаалы сынчы. Санчы Сынчынын тукумунан Убаалы деген сынчы чыгыптыр.

Ал Темир Болоттун убагында, атасы Маматкулдун убагында төрөлөт, Убаалы сынчынын олуялык сыйкыры ак коён болгон экен.

Убаалы сынчы айтат: ушул жерде бир аял бар. Ошону Тынымсейит Мамаке баатырга алып берсе чепти коргой турган уулдар туулат. Саяк Тоок баатырга алып берсе, душманга ок ата турган уулдар туулат дейт. Ошол аялды аласыңбы дейт Мамакени.

Алайын дейт да, кайра сөзүнө турбай аз күндөн кийин бир тегирменчинин кызын коркутуп алып алат.

Убаалы сынчы келип Болотбийдикине конот.

Болот бий айтат: «Олуязаадам, менин балдарымды сынап көрчү» – деп, сөз баштайт.

Макул деп, сынчы Убаалы адатынча көзүн колу менен калкалап карап көрөт. Оң капшытта отурган беш уулун карап, беш күрөң тура дейт, сол капшытта бир баланы карап, бул кара сакал деп коёт. (Ошол сынчы айткан аттары менен эл атап калган экен) «Булардан жакшы тукум чыкпайт дейт». «Бул эмне дегениң, сынчым» – деп беш күрөңдүн энеси чочуп кетет. Анда Убаалы сынчы: «Байбиче, жакшы чыкпайт» деп кайталайт.

Ошол сынчы айткан ат болуп калыптар: Айдарбек, Дайырбек, Татыккөтөн, Аким, Мураке экен. Булар Кочкорго көчүп кетишет. Кара Сакал Ат-Башыда калат.

Убаалы сынчы Болот бийге айтат: «Ушул жерде бир аял бар. Аласыңбы? Ошол аялдан элдик уулдар төрөлөт» дейт. Анда Болот бий макул болот.

Эртеси элди көчүрүп, чубатып Убаалы сынамак болот.

Болот бий элин көчүрөт. Сынчы менен топ үч адам – Убаалы сынчы, Болот бий, Көчмурат жигити дөңгө аттан түшүп отурушат.

Көч чубап өтө берет, өтө берет.

Болот бий сулууларга суктанып, «ушубу ушубу» деп сынчыдан сурайт.

Убаалы «жок» дегенди гана айтат.

Көч өтүп бүткөндө бир жырык кара уйга жүк арткан кара аял өтөт.

Убаалы сынчы Болот бийге, «сен алчу аял мына ушул» дейт.

Анда Болот бий олуязаадам, «ушундан кантип тукум чыксын» дейт.

Убаалы сынчы «аттан» дейт да, бая аялдын жаза отурган жерине барышат. Сынчы Кечмурат деген жигитине аял отурган жерди көбүктөп кайнаган жерге чыбыкты сай дейт. Жигит оюлган жерге чыбык сайса, жарым кез кирип кетет. «Көрдүңбү, мунун жатыны уу» дейт сынчы. Болот бий мойнун шылкыйтып журтка барат. Сынчы ага «аялды аласыңбы?» дейт. Анда Болот бий оозунан чыккан сөзүн опа кылып, «макул алайын» дейт.

Аялды алып кел дешип жиберишет. Көбүн эсе аялдар кетет.

«Сени Болот бий алмай болду» дегенге кара аял ишенбейт секирип. Аялдар аны киринтип, кийинтип алып барышат.

Никесин Убаалы сынчы өзү кыят. Анын жөнүн нике кыярда сурайт. Тынымсейит, беш баладан, Быржы дегендин кызы, Чагалдак, комузчу Тилекмак дегендин Таалеке аялы экен.

Жесир отуруптур.

Никесин кыйган соң сынчы айтат: «Биринчи – Сасык күзөн төрөлөр. Экинчи – Жатып чайкар төрөлөр. Үчүнчү – Башкойкоң төрөлөр. Ээ, ушундан Башкойкоңдон элдик жакшылар, тукумдар таркалды. Ий, ушундан эки сын бир келди. Биринчи жаалдуу Барак чыкты. Канжыгалуу каранын каны болор, жайдары мүнөз жайылуу дасторкон десе болот деп баласынын баласы Ормонго сын келтирет. И, ушундан бир убара чиркөө туулду» дейт. Ал Үмөтаалы канкор болгон экен.

Нарындын башында жердеп турган Үмөтаалынын бир эле жоругун айталы. Бир күнү дөңдө эригип отуруп, кан ичмеси кармап кетип, «иши карага тийсин» деп үйүн бир атат. Ок үйдө кырк аялга иш жасатып отурган кичи катынына жаңылат. «Аялыңызга ок жаңылды» деп кабар келет. «Иши карага тийсин деп аткамын» деп өлүгүн үйдөн сүйрөтүп чыгарган экен Үмөтаалы.

Мындан кийин бир аткачырбас боз айгыр чыгат деп, Рыскулбектин тукумунан Чокону, андан кийин чабалай жаак, буудай өң бирөө чыгар деген. Ал Чоконун уулу Казы экен. Башка манаптарга сын келтирген эмес экен.

Сынчы айткандай, биринчи Сасык күзөн төрөлөт. Анын атын Салыбек койгон. Экинчи – Жатын чайкар төрөлөт, анын атын Алымбек коёт. Үчүнчү – Башкойкоң төрөлөт, атын Эсенгул коёт.

Эсенгул төрөлгөндө Болот бий жаңы журтка конуп туруп, атын коёт. Ошондо улуу байбичеси беш күрөңдүн энеси күнүлүк кылып, Таалекеге кулундуу байтал бээ токутуп мингизет. Көчтү жөнөтүп, өздөрү артында калат. Таалекенин минген бээси токтобойт: «Бешикти алып бер» десе, байбиче «менин беш балам жаман болуп, ушул жаман катындын баласы эл сурайбы, тууганды билген, өңөргөндү билбейби», деп бешикти алып бербей коёт. Кулундуу бээ токтобой Таалеке, «силерге баланын кереги жок болсо, мага да кереги жок» деп, тизгинге колу карышып, көч артынан кетет. Бала бешиги менен журтта калат.

Жаңы журтка үй тигип жатканда дөбөдө отурган Болот бий байкап жигитин жиберет, «барчы, баланы Таалеке өзү өңөрүп келбегендей болду, билчи» дейт. Жигит келсе, Таалеке «балаңар журтта калган. Байбиче кулундуу байтал бээ токуп берген, ала качып, бешикти алып берген жок» дейт. Жигит айтканын айтып барат. Болотбий үч жигитин чаптырат. Караңгыда эски журт табылбай, баягы жигиттер эски конушка таң ата келишет. Журтка барса, бир аркар бешиктеги баланы тайтайып эмизип турган экен. Ал аркарды камчы сап менен түрткөндө бутун тартып чыга берет. Бала кыпкызыл болуп тердеп, эки ууртунан көбүк куюлуп турат. Муну көргөндө Ажы, Субан экөө «буда болсо ырым» деп, ууртап ийишет.

Баланы аман-эсен бешикке өңөрүп жигиттер жолго түшсө, ак аркар ээрчип алат. Жол ортологондо жигиттер бешикти жерге койсо, аркар дагы келип, баланы эмизет.

Көчмурат айылга, Болот бийге сүйүнчүлөп келет. Айылдын четин акмалап, кылчак-кылчак каранып, иттердин үнү угулганда төш таянып, карааны жоголот. Болотбий аксарбашыл деп акбоз бээ, жети кара башыл ак ирикти эл казкатар туруп, садага чалдырат.

Болот бий шаңдуу салтанат кылды. Эл көчө болуп казкатар турат, баланы алып өтөт, жүз баш ак өргөгө киргизип, баланы энеси Таалеке келип эмизет.

Болот бий элинен чыккан аярларын, карыларын жана даанышман адамдарын бүт чакырып, той өткөрөт да, баланын атын коюп бергиле дейт. Ар ким ар башка айтып атканда эшиктен бир селдечен босогону жаза басып, бир думана кирип, бул бала эсен калгандыктан атын мен Эсенкул койдум дегенде төрдө отурган Болот бий байкап, менин да оюм ошол ат эле деп айтканда эл дуу этип бата берет. Ал атың Эсенгул болсун деп атын койгон думана болуп кирген Кысыр Алейсалам болуш керек – деп Болотбий түшүнөт.

* * *

Убаалы сынчы Долонду карап, Нарынды кызыл белден карап, Ат-Башыны көзүм тийбесин деп көзүн басып бата кылган экен. Бетеге шыбактын түбүндө козу, улак жайнап турат, желесинде кулун ойноп турат. Аттары кермесинде жулкунуп турат, уйлары музоосун эмизип турат. Төөсү ботосун ээрчитип турат. Мал киндиктүү төрт түлүк малга жай жер болот. Жерине чыккан чөбү дары. Аккан суусу андан дары, малынын эттери, сүтү дары. Жашоого көңүл, өмүр. Абасы салкын, асыл. Бир татаал жагы үч жылда бир кокуй болор, кар оор, келген жутка малын алдырып тартар.

Андан Убаалы сынчы жөнөп, Нарын ылдый атынын башын буруп, Куланак-жанбулакты, «аз, аз эл байыр алар» деп, «Нарын суудан суу алып ичкендер чыр келер, баштары кичине келер» деп, Тогуз-Торону көрүп, «алтын чөйчөк жер экен» деп, андан Жумгалга барганда «Алтын көмүркөй бар экен» деп, Кочкорго келип, «Кара тоюн, экөө бирдей кар түшпөгөн жерден» деп, шашкан думана аса-мусасын тегеретип, ошонун касиети менен кар түшпөй кара болуп түшүп, дуба кылып, намаз окуп атканда артынан, бир кыргыз этегинен тарткылап, бир өзүбек сөөмөйү менен белге сайгылап, намазын бузбай окуп болуп, кыргыз сен этектен тарттың, силер өөдөлөп баратканыңарды көрө албай ылдый басып өтөрсүңөр эле деп айтып, өзбекти сен белге сайгыладың. Ал ошого көчкөн айбың дейт. Ошентип, көрө албастык, ушак адат болуп калган экен. Шаалашүрп? Олуя думананын айтуусу менен айтылуу Убаалы сынчы өткөндөн кийин анын тукумунан Менсейит деген сынчы пайда болгон. Сыйкырлары бул үчөөнүн кыйыны Менсейит сынчы. Бул сынчынын олуязаада сыйкыры кыргыйек болгон. Болот бийдин уулу Эсенкулдун аты коюлгандан соң Менсейит сынчы келип, балага сын берген экен: «Тукуму өсөт, эл бийлегендер көп чыгат. Алты аял алат, андан эл уул болуп, алардан эл билген көп чыгат. Кыргызды билген кандар, бектер чыгат жана эрлер да чыгат. Эрдиги элге 12 жашында эле пайда болот. Кыргызды билип, башкарып турат» деп сынайт. Ошентип Менсейит сынчы кыргызда кеп жерлерин көрүп, Ошту касиеттүү жерден экен деп, Ысык-Көлдү бул жер да кийин жакшы жайга айланган жерден. Ош, Ысык-Көлдү жеринде бар береке» деп, айткан экен. Бир күнү Менсейит уктап, чалкасынан жатканда аялы баласын төшүнө отургузуп койсо, баласы төшүнө жаба чычып жиберет. Койнунан кыргыйек чыр деп учуп, түндүктөн чыгып кетет. Андан кийин үч ата тукум кууп келген олуялык сыйкыр алардын тукумунан сынчы чыкпай калган экен.

Азык Сопу Ата сынчы. Ал эр Эсенгулдун убагында чыккан, сынап сүйлөгөн сөздөрү арбын, айтканы айткандай келген сынчы, олуялык сыйкыры Бозбаластан болгон.

Азык Сопу Ата «кыпчактан бир тул карып туулар» деп айткан. Бул Баяке болсо керек. Шабданга жигит болуп, Орто Азияда жүрбөгөн жери, жортпогон түзү калбаган.

Сынчы дагы «Саяктан бир чогоол туулар» деген. Бул кейпи кетирекейдин Алыбеги болсо керек.

Эр Эсенгул үч миң кол менен казакка аттанганда астынан тосуп, Сопу Ата сынчы айткан экен.

  • Эр Эсенгул балам, сен барып казакты чабасың. Чылк олжого батасың. Жаңыл Мырзанын баласы Кожобек баатырды колго түшүрөсүң. Аны өлтүрбөй мага алып келип бер. Ошого кыз алып берсең, ошондон чепти тосо турган уулдар туулат…

Айткандай, эр Эсенгул казакты чаап, жер дүңгүрөтүп жылкы айдап, Кожобекти байлап алып жолго түштү. Элжерине он алты күн дегенде жетти.

Жолдо, Оштогу эр Багыш, Карабагыштар эр Эсенгулдун алдынан тосуп чыгышты:

  • Эр Эсенгул, олжолуу болупсуз. Колго түшкөн Кожобекти бизге ташта. Мунун энеси Жаңыл Мырза бизге кылбаганы жок. Аттуу-баштуубузду союп кеткен. Мында кегибиз бар.

Эр Эсенгул «мейли, алсаңар» алгыла деп коёт.

Кожобектин аркасында кулундун жалындай жалы бар экен. Кеги барлар аны өлтүрүүгө колу барышпай, же кайра бере алышпай, акыры бир күнү колу-бутун бууп, белине таш байлап, Оштун Акбуурасына түртүп жиберишкен экен.

Азык Сопу Ата сынчы эр Эсенгулдан Кожобекти жолдо берип келгенин укканда аябай кейиген экен.

Сынчы Калыгул. Бул сынчынын олуялык сыйкыры кара кучкач болгон экен.

Калыгул Ормондун убагында чыккан. Бир жолу Ормон, Жантай, Шатан, Калыгул болуп төртөө тоодо бастырып келе жатып, суунун боюна түшүп, ат чалдырып, азыктанып отурушат да, Калыгулдун сынчылыгын, сөзүнүн кереметин угалы, көзү ачыктыгын көрөлү деп акыл дашат.

  • Каке, сүйлөй отур, кандай доор, кандай заман болот. Бул үчөөбүздөн кандай тукумдар чыгат – деп, сөздү Ормон баштап калат.

Анда Калыгул «Ормон, сөз баштадың, замандын жайын айтайын» дейт.

  • Бөрү доор болор, сааганың сары бээ болор, ичкениң сары суу болор. Итке куйсаң ит ичпес, бирок ошол сары сууга киши таарынар. Андан кийин түлкү доор болор. Алдыңкы кичи балаң өзүңдү алдаар. Уят кетээр, сый кетээр.

Убада кетээр. Этек-жеңи жок кийим чыгар. Атасынан баласы тапан чыгар,– деп Калыгул сөзүн улантат,– уя, уя, уялар. Кыргыйек талга уялар. Такыясын колго алып, кыз жигитти кубалар. Узун чөптү оруп чыгар, кыска чөптү коруп чыгар, ичим деген кыйноо чыгар, азап менен ажалга бөтөлкө деген себеп чыгар. Өлүм оңой болор, узатуусу тойдой болоор. Ойдогу ташты тоого тартаар, тоодогу ташты ойго тартар. Улууну урматтоо, кичини зыйнаттоо ыймандуулук бошоңдоор. Жашың өтсө арманда, сөзүң жакпас карганда. Кишинин көбү бейажал өлөр, өтүгүн майрык баскан кишиден көрөр.

Калыгул бир аз тынгандан кийин, сурагандардын кандай тукум чыгарын айткан экен.

  • Ормон, сенин тукумуңдун аягы уста болор деген.

Чын эле, Ормондун тогуз уулунан кылыч жасаган уста чыккан.

Шатанды карап айткан экен: – Сенин тукумуңдун аягы чыр-ууру болор. Аласалуу болсоң чыр менен алып, береселүү болсоң бербессиң, ошентип, тукумуң чыр келер.

Айткандай, Шатандын тукуму Калыгул айткандай болду.

Калыгул Жантайды айткан экен.

  • Сен сүйлөгөндө дайыма эки ийниңди карап сүйлөйсүң, сенден ошол арышың жеткен жерди сурагыдай бир тукум чыгат.

Айткандай, Жантайдан Шабдан баатыр чыккан. Отургандар: «А, Калыгул, өзүңөн кандай чыгат» деп сурап калышат.

  • Биздин Надырбектин өз тукумунан экөөнө жетпес, бирөөнөн кетпес кан болор – дейт сынчы.

Арстанбек сынчы. Кыргыздын алтынчы, азыркы заман сынчысы, анын олуялык касиети кара чыйырчык болгон. Өзү тынымсейит уругунан, Жантайдын убагында чыккан.

  • Уй тул болор, кул бий болор, күң байбиче болор. Кайненени келини башкарар. Кары өзү текке калар. Элден пейил кетээр. Кесир көбөйөр. Аял кызасын алар, оң сөздү тескери алар – деп далайды айткан.

Эр, баатырлар Тынымсейит Мамаке.

Кара шаарда, жети шаардын ханы Канкожо эрдин атын, даңазасын уккан экен, Мамакени чакырткан экен. Мамакени көтөрө турган ат чыкпаптыр, Нарындан алты күн жөө жүрүп Канкожого барыптыр.

– Мамакени, сени эр деп угуп чакырдым. Айткандарга ишенбедим, өз көзүм менен көрөйүн дедим. Эрдигиңди көрсөт,– дейт Канкожо.– Эр болсоң, бир топоз бар. Үйдөтөмөн киши өткөзбөйт. Кишини сүзүп өлтүрөт. Ошону куралсыз өлтүрсөң эрсиң.

Мамаке макул дейт да Улуу Тоо, Жетисуу, Кашкардагы кыргыздар боор тартып «Мамаке, сен барба. Барсаң топоз сүзүп өлтүрөт. Ал далай эрдин башын жутту» дешет.

Мамаке убада кылган соң, жолго чыгат. Барса кутурган топоз жол үстүнөн Мамакеге атырылат. Мамаке буртулдап келген топоздун мойнунан бурап жыгып, тээп туруп, мойнун тегеретип бурап таштайт. Жолдон жолуккандарга «союп алгыла» деп Мамаке кайра тартат.

Канкожо «Мамаке, баатыр экенсиң. Экинчи бир сыноо бар. Тетиги короонун ичинде бир төө бар. Ошону короону бузбай сыртка таштайсың» дейт.

Мамаке эки койдун этин жеп, бир казан чалап суу ичип, короого келсе, эптеп киши баткыдай эле эшик бар экен.

Мамаке чөгүп жаткан төөнү эки колдоп чаткаяк менен омуроодон алып, ыкшап өөдө далыга салып басып, короодон алыс таштайт. Каз катар турган эл Мамакенин балбандыгына таң калат.

Канкожо ошондо биротоло эрдигине ыраазы болуп, «Мамакедей эрди көрбөдүм, Даңканбозтой атты көрбөдүм» деп өзүнүн минген атын тартуу кылат. Мамакени ошол, жалгыз гана Даңканбоз көтөрө алган экен.

Мамаке Даңканбозду минип Нарынга келет.

1943-жылы Солтонсары деген жайлоодон таш менен салган «Даңканбоздун акырын» өз көзүм менен көрдүм да таңкалдым. Даңканбоз өлгөндө бел-омурткада жик жок, туташ экен дешет тынымсейиттер.

Мамаке баатыр Жумгалга эмнеге барганын билбейм, ошол тарапта өлгөн экен.

Саяк Тоок баатыр. Ал Тогуз-Тородогу Чекир молдонун тукумунан. Аны ат көтөрө албайт. Жалал-Абадга жөө барчу экен. Эч кимге зыяны, залалы жок, даалдаган, ак ниет адам болгон. Айылдагы кемпирлер алакийиз, шырдак берип Тоок баатыр сүлгү кыстаргандай кийиздерди куруна кыстарып алып, базарга барган. Балбан аманат оокаттарды саткан соң, кайра боёк, жоолук, жибек алып айылга кайткан.

Чекир Молдонун тукумунан Жанболот деген Кара шаарга баласы менен айылчылап барса, Канкожо бир шылтоо таап бир жай камап коёт. Аларды куткарб а ган соң ошого Тоок баатыр жөө жөнөйт, он күн дегенде жетет.

Ошондо Кара шаардын сепилинин дарбазасын он качыр менен тарттырып араң ачып-жапчу экен. Ал дарбазаны Тоок баатыр колу менен жайма-жай түртүп кирет. Кыркалай камаккананын сыртынан «Жанболот барсыңбы» деп кыйкырат. Анда Жанболот, «апей Тоок акенин үнү экен» деп таанып «бармын» деп үн салат.

Ошол кезде септин кароолчулары Канкожого жетишет.

«Бир шумдук адам келди. Бою төрт метр. Септи жөн эле ачып кирип келди» дейт.

Канкожо чочуп, эси чыгат. Аңгыча Тоок баатыр кирип келет.

«Эмнеге келдиң эле» дейт Канкожо.

«Жанболот иним жок. Уккан кабарда өзүңдүн себиңде камалуу экен. Ошону куткарганы келдим» дейт Тоок баатыр.

«Балдар бейбаштык кылып туткундадык. Алып кетиңиз» деп, үчөөнө үч ат мингизип жөнөтөт.

Канкожо мунун баласынын бизде кеги калды, кийин келбесин деп, бала минген ээрге уу сүйкөп койгузат. Бала жолдон өлөт. Баланы Көккыянын боюна коюп, чаначсүзмөнү жөө көтөрүп алып, Тогуз-Торого жөө келишет.

Мүнүшкөрлүк

Томобий мүнүшкөр. Асанмырзанын тукумунан Томобий деген атка жана канаттуу кушка мүнүшкөр чыккан. Ал канаттуулардын тилинде сүйлөшө билчү дешет. Бир күнү Ысык-Көлдөн кырк бүркүтчү чогулуп, бүркүттөрүн сынатууга Томобийге барышат. Бүркүттөрүн бирден өткөрүп сынатат. Сынчынын алдынан койкоюп барчындар өтөт.

Сынчы бүркүттөрдү көрүп, көңүлү толбойт: «Бул балан жердин атасы, түкүн жердин бүркүтү экен. Үч жылдан кийин эчтеке албайт. Бул карышкыр алат, бул түлкү алат» деп Томобий оозун жыйгыча, бир күйкөдөй болгон сары бүркүттү кондуруп алып бирөө келатат. Бул бүркүтчүгө калгандары биздин бүркүттөр жаккан жок, сеники жакмак беле, койсоңчу» дешип теңине алышпайт. «Мейли, мен деле көрсөтөйүн» деп бүркүтчү болбоду.

Муну көргөндө, Томобий кубанды: «Ой-пирим, бүркүт ушу экен. Табы катуу экен. Табитин тапса көрүнгөндү алар. Жолборсту да, карышкырды да алат. Алты айда тапка кирет»,– дейт.

Бая бүркүт ээси, «анда муну Сиз алыңыз. Бактысын Сиз ачтыңыз. Мен бактымды койдон табам» дейт.

«Ичиңди жыйбай, ниетиң менен бер» дейт Томобий.

Томобий  бүркүтчүгө бир тогуз мал берет.

Томобий сынчынын айтуусунда, колуна тийген бүркүт Алайдын тоосунан келип, Арпадагы Акшумкардын уясынан чыккан экен, Торугарттын бүркүтү менен үйрүлөшкөн экен.

Баягы кырк бүркүтчү сөзүн жактырышпады: «Сынчыны деле көрөбүз. Бир бүркүткө тогуздан мал бергени ашынганы» деп үйлөрүнө тарашат.

Томобий бүркүттү таптай баштайт. Ал бүркүттү ээн бир тамга бош кийирип, борго туздап жем берет, тырмактарын учтап, таманына май тартып коёт. Улам өскөн тырмагын учтап турат. Барган сайын бүркүттүн жүнү түшүп, кайра жүн чыгат, алты айда калыбына келет. Тырмагы карыш болуп өсөт. Туздаган этти коюп, боордон берет. Анан ачуу эт бергенин таштап, бээнин сүтүнө чылап эт берет. Үч күндөн кийин куурулган кан берет. Анан кайра эт берет.

Биринчи жолу ууга бүркүтүн алып чыгат. Томобий ырымдап адегенде адалга салайын деп кийикке салат бүркүтүн. Төрт кийикти катар алат.

Экинчи жолу бүркүтүн алып чыкканда, арамга салайын деп ниет кылат. Бүркүтү а күнү төрт түлкү, эки карышкыр алган экен.

Үчүнчү жолу алып чыкканда бүркүт көзүнө көрүнгөндү куткарбай алат.

Ошентип, бир жыл болгондо Томобий баягы кырк бүркүтчүнү чакырып, силер жаман сары бүркүттү теңиңерге албай кеп кылдыңар эле, эми ууга чыгалы. Өнөрүн көрүп алгыла дейт.

Мүнүшкөрлөр бир олуттуу жерге барышса, өрөөн толгон кийик жатканын көрүшөт.

  • Эми бүркүтүңөрдү агыткыла,– дейт Томобий. Мүнүшкөрлөр бүркүттөрүн агытса кээси кырга конуп, кээси ташка конуп учпай коёт.
  • Эми, жаман Сарынжынын өнөрүн көрөсүңөр – деп Томобий бүркүтүнүн томогосун алат. Ал шып коюп өрөөндөгү кийикке кетет. Сарынжы бирде асманга чыгып, бирде жерге сайылып кирип, кийиктерди алат.
  • Эми бекингиле – дейт Томобий бүркүтчүлөргө,– Сарынжы ачуусу менен силерди качырышы ыктымал.

Аңгыча Сарынжы бутун Томобийди көздөй сунуп шуулдап келатат.

  • Ай баатыр, Сарынжы…– деп, Томобий колун сунганда ага конот.

Томобий оозун ачкан бүркүттүн канатынан дыбыраган терин аарчып, «эми желдетип келгиле» деп томогосун салып, башкага карматат. Мүнүшкөрлөр баягы бүркүт кийик алган жерге Сарынжы жүз кийикти алып, бир жерге таштай берген экен.

Бүркүтчүлөр кечке кийик союшат.

  • Келерки ушу күнү дагы унутпай келгиле. Бир кызык тамаша ошондо болот – деп Томобий күлгөн экен.

…Келээрки жылдын ошол күнүндө баягы бүркүтчүлөр болжошкон жерге келишет.

  • Эми, бүркүттү калтарга салалы. Бир калтар бар.

Ошого эртең барабыз – дейт Томобий сынчы.

Эртеси бүркүтчүлөр өңүткө келсе, шактын алдынан калтар чыгат. Жарыктык калтар бир туруп ак көрүнөт, бир туруп жашыл болот, бир туруп кара көрүнүп, нечен кубулат.

  • Бүркүтүңөрдүн томогосун алгыла,– дейт Томобий, жанындагыларга.

Баягы томогосун алган бүркүттөр кайып барып, кээси ташка, кээси кырга конуп, ылдыйды тиктеп тура беришет.

Анан Томобий Сарынжынын томогосун шыпырат.

Сарынжы калтарды көрүп, шып коюп тескери учат. Баягы арданган бүркүтчүлөр «Сарынжы тескери кетти» дешип табалап күлүшөт.

Бир маалда Сарынжы асманга айланып чыкты.

Калтар бир орунда асмандагы бүркүттү тигиле карап турду.

  • Эй көрдүңөрбү – деп Томобий калтарды көрсөтө берди,– шумдугуң куру, калтар көзүнө жаш толмоюн бүркүткө алдырбайт. Асманды телмире көпкө караса көзүнө жаш толуп, көрө албай калат. Муну Сарынжы кургур билет да, ошону болжоп өөдөлөп баратканын карагыла…

Сарынжы бүркүт айланып отуруп, карааны каргадай эле болуп калды.

Калтар типтик бойдон, асманды тике караган бойдон.

Бир кезде Сарынжы күркүрөп түшүп, калтарды алгандай болуп ала-була болуп калды. Даяр турган Томобий аксаңдап:

  • Аксарбашыл! Аксарбашыл – деп кыйкырып барып, калтарды басып калды. Анын белин бүктөп жиберди да ак шейшепке ороп жиберди. Жанына эч экимди жолотпой, эч кимге көрсөтпөй калтарды өзү сойду.

Томобий үйүнө барып, аксарбашыл союп, караңгы үйгө калтарды илип, анан элди «эми киргиле. Көргүлө калтарды» деп уруксат берди.

Бүркүтчүлөр кирсе, көргөнгө чын да, айтканга жалган,– үйдүн ичине калтар кадимкидей, шамчырактай жарык берип турду.

  • Эми, туугандар, Томобий калтар алдырды деп жан кишиге айтпагыла,– деп суранды мүнүшкөр.

Бүркүтчүлөргө шыралгаңар деп ар бирине бир койдун баасы болгон беш сомдон акча берип узатты.

Ошондон кийин калтардын касиетинен киреше кирип, Томобийге табылга көп түшүп, эки жылда байып кеткен экен.

Сарынжы калтар алгандан кийин эштекеге жарабай калыптыр.

Томобий Сарынжынын аты жогуна күмүш шакек салып, бир козуну союп жедирип, тушоону алып, сылапсыйпап, «ата-энеңе барагой, мен сага ыраазы, сен мага ыраазы бол, барагой» деп көзүнө жаш алып агытат.

Сарынжы учуп жөнөп, үч сапар кайрылып келет. «Ыраазымын, барагой» деп Томобий кайра учурганда, Сарынжы Арпаны көздөй Акшумкардын уясына, туулган жерине жөнөп кетет.

Бир күнү асмандан эки бүркүт учуп баратса, Томобий:

  • Ээй, астыңкысынын сол көзү сокур экен, арткысынын жүрөгү жок, сасыткы экен – деп сынаптыр.
  • Аны кантип билдиңиз – дептир тургандар.
  • Астыңкы солканатын солбуп учуп баратат, ошон үчүн билдим. Арткысы ээрчип учуп баратат, жүрөгү жогун билдим деп айткан экен Томобий…

…Үч жылдан кийин асмандан бир бүркүт учуп баратса «береги Сарынжы экен. Эми бир барып келемин деп келаткан экен» – дейт.

Тургандар ишенбей, «сени менен сүйлөштү беле! Келемин деп кабар берди беле» дешип какшыкташат.

Томобий сөз укпай, төштаяна чуркайт.

  • Мен азыр чырга тартам. Сарынжы келет – деп карбаластап чырга тартат, асманды көздөй кыйкырат,– Сарынжы, мен мына! Мен мына!..

Ошондо Сарынжы Томобийдин үнүн укканда келип, чыргага конот. Томобий бүркүттү колуна алып кондуруп, канатынан сылап, жалынып-жалбарат.

  • Сарынжы бир келип, учурап кетейин деп келген экенсиң, айланайын. Ыраазымын!..

Томобий бир козуну союп жедирип, анан Сарынжыны «эми барагой!» деп өөп коштошот.

Сарынжы ошол бойдон кайрылып келген эмес экен.

Бүркүттүн тукуму жөнүндө

  1. Чөлдүн сарысы. Алай, Арпанын тоолоруна тууйт. Сары бүркүт.
  2. Сыргыш ыргакчысы. Булар болсо Арпа, Аксай тоолоруна тууйт.
  3. Ала-Тоонун ак ийиндери. Суук капчыгайга, бийик зоого тууйт. Ала канат болот.
  4. Канга тойбос кара тил. Булар аска-тоого, жарга тууйт.
  5. Боз кертик тоголок боз бүркүт. Булар жапыз тоолорго тууйт.
  6. Ала кардын айдамалар. Бел-жарларга эле тууп коёт.
  7. Кара тоонун каркылдак. Булар жорудай кара бүркүт болот. Булар жапыз тоолорго тууйт.
  8. Боз моюн. Булар үксөйгөн чоң боз бүркүттөр болот. Булар жарга эле тууп коёт.

ЭЛДИК КАЗЫНАДАН

 (Элде айтат) Кыргыздар жети жетимди айтышат:

  1. Чөп чыкпаган жер жетим.
  2. Элинен азган эр жетим.
  3. Башчысы жок эл жетим.4. Тыңшалбаган сөз жетим.
  4. Эр албаган кыз жетим.
  5. Кемпири жок чал жетим.
  6. Багылбаган мал жетим.

Үйүңдө үч дөө бар

  1. Улагадагы уулуң дөө.
  2. Керегеңде келиниң дөө.
  3. Капшытыңда катының дөө.

Кулак жөнүндө (Сөздү ким укпайт?)

  1. Ташкулак укпайт сөздү.
  2. Кумкулак сөздү кармабайт.
  3. Акма кулактан сөз агып калат.
  4. Куйма кулак сөздү сактап калат.                                                                                                                                                                                                                 Кыргыздар минтип айтышат:

«Сөз уккандан үмүт кыл,

Сөз укпагандан ыраак жүр».

Адамдагы төрт сапат жөнүндө

  • – сапат. Калыстыктан тайбагандык.
  • – сапат. Чынчылдыктан жазбагандык.
  • – сапат. Өзүңдөгү жана ишиңдеги тазалык.4 – сапат. Ажатчылдык, адамгерчилик.

Адамдагы төрт кесепет жөнүндө

  1. Калыстыктан тайыгандык, кыйшык иш.
  2. Калпычылык, уурулук, ушакчылык.
  3. Өз боюңа, ишиңдеги балиттик.
  4. Кыянатчылык, акты карага күбөлүк.

Адамда төрт кесел бар

1.Жатактык, жалкоолук, бекерчилик.

  1. Уурулук, калпычылык.
  2. Убадага турбай, айныгандык.
  3. Аялың жаман болсо.

Үй-бүлөдө төрт сыпат бар

  1. Уул жакшысы урмат.
  2. Келин жакшысы кенч.
  3. Кыз жакшысы күл азык.
  4. Аял жакшысы артык.

Үй-бүлөдө төрт кесел бар

  1. Уулуң жаман болсо урматың кетет.
  2. Кызың жаман болсо, кылыгың кетет.
  3. Келиниң жаман болсо уятың кетет.
  4. Аялың жаман болсо жыйганың кетет.

Бир жылдын мезгилине коюлган аттар

1.18.VI. Үркөрдүн чыгышы.

  1. 40.VI. Жайчилденин түшкөнү.

15.IХ. Кыргыйектин өтүшү.

7.10.IХ. Каркыранын өтүшү.

17.Х. Бугунун ооз чайкары. Үшүк.

6.7.Х. Кыш кыроосу.

25.ХII. Чилденин түшүшү.

20.II. Чилденин чыгышы.

5.III. Суурдун чыгышы.

10.III. Аюунун которулушу.

15.III. Кемпирдин кейиши. 20.III. Токсондун чыгышы.

15.1.ХII. Ар ардасы, тогоол.

30.IV. Күкүк чакырык.

Моңолдор, сурнайчы Күрөңкөйдүн Балыкчыдагы топто сүйлөгөн сөзүнөн:

«Манаптык – сарбагыштын тукумуна жарашат. Жыртык кара үйү болсо да, бутун учкаштырып, колун төбөсүнө алып жатат.

Үйүнө барсаң кабагын ачып, бар-жогун билгизбей чай берет. Жалгыз аты болсо да аны таптап минет, сыланып бир жери төрө боор келет. Барга да, жокко да бирдей турат. Табылганын берип, жоомарт келет».

«Береке – солтодо. Жайы-кышы капшытында уну капкап болуп тирелип турат. Токочу кенен. Унутулбайт. Сен кайдан деп сурабайт.»

«Байлык – бугу элинде. Сарыбайдын сан жылкы. Каптагайдын калың мал. Сурасаң, бугу четтен бай».

«Чогоолдук – саякта деймин. Каранын каны кан Ормонду кармап берип өлтүрдү. Саяктан чогоол барбы?!»

«Чериктерде байлык бар. Бирок үч жүз койлуусу да жалданып малай жүрөт. Намыстанбай бирөөнүн отун, күлүн жагат».

«Калыстык, нуска моңолдордо. Эл уюткусу моңолдор».

«Жалындаган жаштык ай,

Жамбаштаган карылык ай.»

«15 жашта убактың, жарга ойногон улаксың.

25 жашта убактың, күйүп турган чыраксың.

30 жашта убактың, шаркырап аккан булаксың.

40 жашта чиркин, кычыраган убактың.

50 жашта эл ортону токтолуп, акыл ойлор убактың.

70 жашка барганда күч-кубаттан кем кылат.

80 жашка барганда шойку маани карылык үсүр башыңда.

90 жашың эсер, карылык кайтпаган кесел. 100гө жашың барганда мүдүрүлүп, жол кайда?!» Жүзгө жашым барат деп, аны кимдер ойлоптур.

Көп жашагандан Улукман жашка тойбоптур.

Жүздөн ашып көрүнсөң, көрүң жакын төрүңдөн.

Ошондо коркот өлүмдөн.

 

Ы.АБДЫРАХМАНОВ

КЫРГЫЗ-КАЗАК ОКУЯСЫ

Мезгилдин агымына жараша кыргыз элинин көптөгөн көркөм чыгармалары, атамурасы болгон ар түрдүү элдик казынада сакталып калган баалуу эмгектер кыйла жылдар бою басма барактарда жарык көрбөй келген. Төмөндө, сиздерге тартуулап жаткан Ыбырайым Абдырахман уулунун «Казак-кыргыз окуясы» aттуу даректүү поэмасы да, учурунда ЭСКЕ алынбай калган ошондой чыгармалардын бири. Бул поэманы автор манасчы Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы вариант боюнча жазып алыптыр. Поэманын өзөгүн чагылдырган окуялар – өткөн тарыхыбызга түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, аны толук бойдон окурмандардын таразасына коюуну туура таптык.

Ы. Абдырахман уулу бул эмгегин 1939-жылы, латын ариби менен жазыптыр. Бул кол жазма бүгүнкү күндө Кыргыз Илимдер Улуттук академиясынын колжазмалар казынасында (Инв. № 516 / 269. 83 бет) сакталып турат. Ал убагында азыркы кыргыз арибине которулган жана бир нече көчүрмөсү бар. Поэманы басууга даярдап жатып, анын түп нускасын өзгөртпөй берүүгө басым жасалды. Ошондуктан, ал поэмада эскерилген тарыхый инсандарга, географиялык аталууларга, архаикалык сөздөргө жана кээ бир окуяларга кыскача түшүндүрмөлөр бе рилди.

Бул Кененсарынын окуясын бала кезимден эле карыялардан көп угуп, кулагым абдан канган. Ырларынын кээ бирлерин ошол замандагы ырчылар айткан, көпчүлүгүн өзүм жаздым. Ырларынан да жазып алып калбаган менен, Сагымбайдын айтышы кулагымда кыйла калган.

ЫБЫРАЙЫМ. 1939-ж. май.

КАЗАК, КЫРГЫЗ ОКУЯСЫ 1

(1848-ж. болгон окуялар)

Ошо замандын ырчылары айткан2

«Чүйдүн сары жылаанын, арбашканын айтайын.

Кененсары3 Ормондун,4 кармашканын айтайын.

Казак менен кыргыздын, четтешкенин айтайын.

Орус менен кытайдын, беттешкенин айтайын.

Сарыаркадан Кенен хан, жол жүргөнүн айтайын.

Кыргызды жөнгө салам деп, мол жүргөнүн айтайын. Чүйдү бойлоп жол жүрүп, түрүлгөн кошуун жол жүрүп, Текликтин сеңирге,5 келген жерин айтайын, Майдөбөнү6 май кылып, өлгөн жерин айтайын. Акмоло келген орусту, токтотконун айтайын.7  Салтанатын санкаптан, окшотконун айтайын.

Ормон хандын Кененге келген жерин айтайын.

Артында Кенен Ормондон, өлгөн жерин айтайын.

Сарыаркада казакты, айдап жүрүп жеп келди.

Сарбагышка Кенен кан, аким түшөм деп келди.

Солтого тукум койбостон, соолтомун деп келди.

Саяк менен Бугуга, жан койбосмун деп келди.

Кыргызда мендей эр барбы, бетиме каршы чыгууга.

Бул Кененхандын түпкүлүктүү максаты казак-кыргызга душман. Чыңгызхандын уругунан, түбү калмакка туушкан. Мунун бабасы Чыңгыз,8 тукумунан балакети көп болгон жылгыс.

Кененсары кандын Ормон канга элчи жибергени

Кенснсарынын Эржан, Сарыжан, Ноорузбай9 деген туугандары, Агыбай деген баатыры болуп, баары чогулуп, Кененкандын кырк төрө деп аталган төрө тукумдары казактын ар бир элине барып, ак үйлүү турушуп, казак элин эзип турушат.10

Төрөлөрдүн ичинде Кененсары, Норузбай артыкча залим болуп, кошоматына таpтyy тартмак алып келип турбаган үч жүздүн казактарын кекетип: «Байталы жал алган экен ээ», – деп тундура чаап алып турган.11

Кененсары ошентип, үч жүздүн казактарын бүт бийледим деп турган учурда Сибир, Акмоло казактары өз ыктыярлары менен орус падышалыгына элчи жиберип, [аларга] карай баштаган.

Кенесары. Ноорузбай колдорунан келгендерин аябастан оруска караган Казактарды чаап, Акмолого келген орустарга да кыйла зыян келтирет.

Кененсары бир чети орус, бир жагынан казактар менен жоолошуп отуруп, акыры Семей областы менен Жетисуу жерлериндеги казактарды гана башкарып калат.

Кененсары казак баатырларын жамгарып12 кеңешип, кыргыздын каны Ормонго чечендеринен элчи жиберип, айтат: «Мен орус менен беттешип жатам, эгер орус барса сени соо кылбайт, колуңдан бийлигиңди алып, жериңден ажыратып, аны менен жөн койбой, кыргызды кул кылат»,– деп орустун кылыгын билгенинче айтып жиберет.13

Бул кезде кыргыз, казактын арасы да өтө бузулууда болуп, барымта алышып, чабышуулар жыш болуп турган болучу. Таластагы кушчунун Бүргө баатыры казакка кол салып турган.14 Кененсары Таласты бир жолу чаап да кеткен.

Кыргыздын кыйласын сойгон, өзүнө төрө деп атак койгон.

«Бас алдаяр» деп, казак баш койгон.

Бул Чыңгыздын тукуму,

Кызыкты кыла берген, кыргызды кыра берген. Ушул айтылган Кененкан, атасы мунун Касымкан, Чоң атасы Абылайкан, бул да кыргызга асылган.

Жердеп турган жери, Сарысуу деген жер болуп.

Кененкандын башы тел болуп.

Кыргыздан кабар алды, Ормонго элчи салды.

«Оролдон ашып, Омбуну басып, оозу түктүү орус келди,

Жолукканды соруп келди.

Бышырып жанды, бышкан чөптөй оруп келди.

Жакшы жерди алып, жан жолотпой соруп келди.

Камынган иши, казакты бүтүн алмак.

Жайлуу жерине келтирип шаар салмак. Белгилүү азаматтардын баарын алмак, Бейпайга казак-кыргыздын баарын салмак.

Кызыгын көрөсүң, анан кыргыз caгa бармак.

Күч-кубатым кетти, казакка балта жетти.

Эми кыргыз caгa барат, бүлүктү мыктап салат.

Араба менен чанасы бар, ар кандай түрдүү   санаасы бар.

Адемдеп салган калаасы бар, сары башыл баласы бар.

Набакты деген ору бар, жайып койгон тору бар.

Набактыга түшкөн жандын, толуп жаткан шору бар. Боп деген чачтуу молдосу бар, тил билген ногой  доргосу16 бар –

Келтирип кеңеш сөз курган, кеңсалар деген ордосу бар. Жүргүзгөн элге элчиси бар, кабар алчу ченчиси бар, Табыптын атын бура салган, доктур деген эмчиси бар. Кара жолдун кашында, карагайдын башында, Көмкөрүп койгон чынысы бар.

Чыны үстүнө жүргүзүп, тартып койгон зымы бар.

Тилгиремдын кагазы, тили миндин баасы.

Дин мусулман баласы, келбейт [деп] ойлойм чамасы. Темирден кылган такасы бар, жемиштен кылган бакчасы бар. Алтын, күмүш, асыл бул жок, ак кагаздан акчасы бар.

Бул аярдыгын билгизет, айтып сөзгө киргизет.

Акчам ушу билет деп, ак кагаздан жүргүзөт.

Оң сүйлөсөң терс сүйлөп, адамдын ичин күйгүзөт.

Айласы мунун кандай болот, айлыбыз кандай конот? Эсеби мунун кандай болот, элибиз эми кандай конот?

Элдин сырын алдырбай, жердин ченин билдирбей,

Кайрат кылып, камынып туруп,

Жолун тозуп, кагылыш кылсак кантет?!» деп, элчисин жөнөттү.

Орустун бийлеп жүргөн колонизаторлору элчи жибергенин өзүнүн агенттери аркылуу билип, кыргыз-казактын арасын ажыратуу үчүн жана Кененсарыдан да коркупкоопсунуп, пулдун күчү менен казактарга сүйлөшүп, кыргызга жиберген элчисинин ичине өзүнүн агенттерин кошот. Оруска болушкандар Ормонго келип, Ормон элчини жакшы күтүп, айтат: «Кененсары кандыкты мага берсин, мен улуумун, калган ишти өзү билсин» – деп сыйлык берип узатат. Кайтып бара жатып, жылкы уурдап качат. Кыргыздар кармап, Ормонго алып келет. Ормон: элчи эмес, ууру экенсиң» – деп, кулагын кесип алып, айдап жиберет.

– Кененсары баатырларын жыйып, кеңешкени:

Кененсары: «душман орус эмес, кыргыз экен» – деп, урушту кыргызга жүргүзмөк болот. Кененсары кыргыздын тукумун курутам деп, улук, баатырынын баарын чакырып, кенеш курат. Бөлтүрүк чечен17 кыргызды мактайт.

Эл жыйылып болгон соң, үстүнө жыйын толгон соң. Кененсары кеп баштайт: «Орус эмес кыргыздан, Жаңыдан душман табылды.

Каргашалуу кыргыздар, кайратыма кабылды».

Бул кезде Кененсарынын кашында: Чубуртмалуу элинен – Агыбай баатыр. Аккойлуу – Байызак датка, Чапырашты элинен- Шоорук баатыр, Ботбай элинен СУПАТАЙ баатыр, Бөлтүрүк чечен, Эржан, Сарыжан төрөлөр, тентек Ноорузбай иниси жана толуп жаткан төлөнгүттөр18 болот.

Кененсары айтат: «Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок деген, илгертеден келген жол бар эле. Бул кыргыз жолду бузуп, элчимдин кулагын кесип, санат кылыптыр. Эми мен кыргыз менен тим турбай кагышам. Кыргызда жолборс чапкан үч баатыр бар, ошол үчөөн колго алсак. башкасын серпүүгө келтирбейбиз. Ормон кандын иниси Түлкү19 карагайдын ичинен капыстан качырып чыккан жолборсту мылтыктын көчүгү менен жыга чаап өлтүргөн. Жолборс чапкан 2-чи Солто элинен Жаманкара деген болот.20 Үчүнчү жолборс чапкан баатыр – Жумгал деген жерде, саяк деген элинен Качыкенин Түлкүсү21 деген болуп, Анжыяндагы кайнына барып күйөөлөп жатканда, камыштын арасына жатып алып, жол бербей койгон жолборсту Кокондун канынын алдына жыга чаап өлтүрүп, абийир тапкан.

Кары-жашың турасың, буга кандай жооп кыласың?

Чапырашты Шоорук22 сен, кабарын уккан чыгарсың;

Кыргыздын кыйынынан,

Жолборс кармаган үч баатыры бар:

Сарбагыш деген элден, Ормондун иниси болгон. Баатырлыгында чени жок, эч жеринде кеми жок. Аты Түлкү, айбаты күчтүү.

Жолборстун башын мылтык менен жара чаап өлтүргөн.

Экинчи саяк уругу, Жумгалда туругу,

Качыке баатырдын баласы,

Кандай кылса колунан, келе турган айласы.

Мунун аты дагы Түлкү, аңгемеси күлкү.

Анжиянда кайны болгон,

Кайнына барып, күйөөлөп жаткан жеринде, Кан уу кылып, калкка кабар салган.

Ал ууга […] калктын баары барган.

Бир туюк черге, токойлуу жерге, жолборс жатып алган.

Бул жолборсту атууга, адам чыдап барбаган.

Кан башында турган, калкка жарлык кылган.

Бул жолборсту алганга, абийир таап калганга.

Качыкенин Түлкүсү, Түлкүнүн келген күлкүсү.

Өзүнө күч-кубаты ишенимдүү,

Өлсөм душмандан өлөйүн деп, Өлбөсөм абийир таап келейин деп, Жолборско барган, башын чаап салган.

Үчүнчүсү Жаманкара баатыр. Чүйдө жайылган малды, баскан жанды жеп, койбогон жолборсту колуна аркан чырмап барып, жолборсту өлтүргөн. Кененсары үч баатырды өлтүрүп, кармап бер деп, Шоорука тапшырат. Ушуларды өлтүрсөң, башкасынын айласын өзүм табам дейт.

Бөлтүрүк чечендин сөзү:

Калың жыйындын ичинде Бөлтүрүк чечен кыргызды мактап айтат: «Кыргыздын жердеген жери бийик чеп, жоого алдырбай турган Алатоосу болуп, бул тоону илгертен бери жердеп келген кыргыз. Кыргыз жоого шайдоот чыйрак эл болуп, көздөрү кызыл, найзалары кыска, өздөрү эр болот» – деп, кыргыздын сыпаттарын айтат: «Ой төрөм, Кенен! Кыргызга атаң Абылайканда23 асылып пайда таппай, Бердикожо, Шургуй, Султанбарак, Санбарак баатырларынан айрылган.24

Атаң Абылай кыргыздын саягынын Садыр баатырын25 өлтүрөм деп, кунуна миң казак берген, кыргызга асылба дагы, элчи салып жараш» – дейт.

«Чапанынын этеги саврысын жапкан Алчын, жаппас, чүмүкөйдөн дандеген чыгарсың! Ыскырганда давусу кулагыздан өтөтүн ак калпак Кыргызга жолукмай жүргөн чыгарсың!».

Эскертүү: Кененсары – алчын, жаппас, чүмүкөй урууларын жыш чаап, алардын Түлөөкабак деген байынын жылкысын алып, кызын Ноорузбай инисине алып берет. Бул уруулар Кичүү жүздөн болот.

Мамыкта оонап жаткан бир төрө ачууланып айтат: «Кененкандын аманында жаратка кудай болсо да туруштук бере албайт!» – деп.

Бөлтүрүк жооп кайтарат: «Ой карагым, сенин бул кесириң алты кан алачка26 тиет, кудайга не асыласың?», деп. Супатай баатыр27 да Кененсарыга айтат: Алдаяр бас, кыргыз менен урушпайлы?» – дейт.

Кененсары ачууланып айтат: «Сен, Супатай, кыргызга жан тартып турган жериң бар го, обол кыргыз менен беттешип, анан сени менен беттешсем экен?», – дейт.

Кененсары баштап, жалпы төрөлөрү бул жыйында кыргыз менен челишүүгө тарашат. Шоорук, Жаманкараны кармап берүүгө Кенен канга убада берет.

Кан сөзүнө кайтарып, Бөлтүрүк чечен кеп салды. Кептин жөнүн билдирип, кеп салганда деп салды: «Алдаяр ханым, аман жүрсүн жаның. Кыргыз арзан эл эмес, кыйын душман. Кыргызга барган, кылып кайтат бушман. Жарагы көп болот, жери бек болот. Аркайган Ала-Тоосу бар, элине чеп болот. Ашуусу бийик болот, аңы кийик болот. Атканы бараң болот, айылы жаамат болот, аты күлүк болот, абышкасы чечен болот. Алышам деген кыргыз менен айыкпаган кесел болот. Сөзү узун болот, көзү кызыл болот. Найзасы кыска болот, кепке уста болот. Жоодон качпайт, ашыгып шашпайт.

Бет алдынан бара берет, баргандары майданды сала берет.

Тоосунун башынан, ак кар кетпейт.

Кыямат кылам деген кыргызды кууп жетпейт.

Алдырып кайтат, арманын айтат.

Атаң Абылайкан, далайды жеңген.

Саяк Садыр канды өлтүрүп,

Садыр кандын кунуна миң казак берген.

Ата, бабаң тынчып жаткан эмес,

Кызыкан менен кыргыздан пайда тапкан эмес.

Алдаяр каным, менин тилимди ал, бул бейлиңден жан?»

Бөлтүрүк муну айтып өтөт.

Керебет тактада, мамык пахтада ныксырап жаткан.

Казыктын төрөсү Төлөңгүт, Бөлтүрүктү кага сүйлөп, текебер менен сөз айтат:

Кыргызды мактайсың,

Мактаганың кеп эмес, адамга бул сөз эп эмес.

Атпай алач, түрүлүп барса, түйшүктү салса,

Кененкан төрө, ачуусу келсе,

Кара Кыргыз эмес, кудайды да жеңбейби?

Үркөрдөй болгон төрт кыргыз, колунан келбейби?

Калмакты жеңди, колунан келди.

Орусту жеңди, жеңгенин көзүң көрдү.

Онун несин айтасың, калың кошуун бармак керек, Кыргыздын баарын, кыйратып чаап салмак керек.

Кыз-келинден олжо алып, кыйласын бөлүп алмак керек».

Төрөсү мунун айтып өттү. Бөлтүрүк жана жооп катарында айтканы:

«Ой төрөм, Төлөңгүт, текебер сөзүң пайда кылбайт.

Казак кыйрата бер деп, кыргыз карап турбайт.

Чениң менен эсир, бул айтканың кесир.

Кыргыздан кыз-келин алмак турсун, өз аялың калат жесир.

Токтоло элек баласың, жаштыгыңдан айтасың.

Сапырып сары кымыз ичкен, мастыгыңдан айтасың.

Канаат кыл бул жайга, катылбагын кудайга. Катылыш кылсаң кыргызга, каласың кайгы-убайга. Ойронду кыргыз салат, олжону кыргыз алат. Ой пирим ай, кантесиң, өлүгүң талаада калат. Кыргызга катылба, балакетке чатылба. Башың колго түшүп, байталга сатылба? Кордук көрбө, талаада өлбө? Намысын бербейт, кыргыз колуңдан келбейт. Ала-Тоого барган, айланып үйүн көрбөйт. Кененсары кан, бул бейлиңден жан?».

Кененсары, Шооруктан чакыртып алып, солто Жаманкара баатырды баш кылып, 3 баатырын өлтүрүшү: Кенесарынын сөзүн көңүлүнө түйүп болгон, Тапшырган иши кыйын болгон.

Шоорук үйүнө келип, калың казак жыйын болгон.

Кенен кандын жардыгын калкына айткан.

Солто деген элде Жаманкара баатыр бар.

Сарбагыш деген элде. Түлкү баатыр бар деген. Саяк деген элде, Качыкенин Түлкүсү бар.

Бул үч баатырдын атагы, элге угулган чатагы.

Качпай кирип, кабылан, жолборс кармаган.

Буларды алдап чакырып алмак болдум, аңгемени салмак болдум.

Буларды колго түшүрсөм, Кененкандан чоң даража алмак болдум.

Жаманкараны чакырып алам, эбин таап элчи салам.

Кары-жашың угуп тур, кайрат кылып чыгып тур.

Жолборстун жаткан жерине, ит даабайт деген сөз бар.

Кенен кан аман турганда, бизге нээ кылар дейсиң.

Буга түрүлүп кошун бармак керек, жылкысын тийип алмак керек.

Жылкы колго тийген соң, apaгa элчи салмак керек.

Журт бололук деп, Жаманкараны алдап, чакыртып алмак керек.

Жаманкараны жайлап, кош Түлкүгө, кошуун менен бармак керек.

Кош Түлкү колго тийген соң, Ормонго ойрон салмак керек.

Муну айтып Шоорук кеңешин бүтүрүп, кошуун алып жөнөйт.

Чапырашты Шоорук ал, көпкөндүктөн оолуккан.

Солто элинен, бөлөкбай деген уругунан, Калың жылкы алын, айдап жолго салып.

Кайтара жолун басып, Каштек ашып28

Шоорук үйүнө барган.

Барган замат карап турбастан, элине масилет29 салган.

Жаманкарага элчи жиберет.

Жаманкара баатыр, элибиз чектеш жатыр.

Жылкыңды алдым, мен бир айып иш кылып салдым.

Өзүңүз келип, казак, кыргыз арасын,

Калба кылбай эл кылып, кайрып анан кетиңиз. Жаманкара менен Шоорукта, казак, кыргыз жайланып,

Жакшы турду деген сөз калсын.

Айыл аралаш консун, кой короолош болсун.

Жигит жоролош болсун,

– Ушундай заман баштап, калкты тынчыталы – деп, Жаманкараны чакыртып, элчи жиберди. Шоорук баатыр азыркы Каштекти жердеп, кыргыз менен ирегелеш турган. Шоорук солтодон жылкы алат да, «Жаманкара келип, жылкысын кайра алып кетсин. Экөөбүз жакшы сүйлөшүп, кыргыз менен казактын ортосун таттулаштыралы» деп чакырат.

Элчи келди, катын берди, арамдык албай, оюна салбай. Жаманкара жарлык менен жөнөп калды, жолдош алды. Өзү менен он үч болуп жолго салды, Жылкысы кеткенден, Кедейбай деген бала кошо барды.

Жаманкара баатыр 12 жолдош менен Шоорука жөнөйт. Жылкысын алдырган Кедейбай деген 13 жаштагы бала кошо барат.

Баргандар атактуу баатыр Жаманкара, анын акылдаштары акылдуу Болот.

Алымбек, Күрпүк баатыр, Карачолок, Кедейбай жана калган жолдоштору менен барат. Шoopyк Күрпүктү бир топ жолдоштору менен кайрып жиберет да, Жаманкараны төрт жолдошу менен канга алып барат. Канга барып жарашып. Ынтымакташабыз деп, Кененканга барат. Кан сыйлабайт да, айылдан ыраак тигилген бир жаман кара үйгө түшүрөт. Шоорук Кенен канга кабар берем деп, мурун барып, канына айтып турат.

Үйгө түшүргөндө, ат алган кишилер токтолтпой эле аттарын алып кетет. Кирип баратып, Кедейбай атты алып кеткенин көрөт. Үйүнө кирсе, төө ком салган,эчтеме жок, кирип, өздөрү да шектенип. Болот акылдуу билгич киши экен: Бул каныңдын бейли жаман го, мындай кылганы арзан иш эмес го?» дейт. Жаманкара: «эмне кылмак эле»,– деп тоотпойт.

Кеч киргенде арык, карган койдун этин алып келет. Эт деле желбейт, азыраак ооз тийип кеч кирет. Ошол учурда казактар жортуп барганда бир карган казактын баласы кыргыздын колуна түшүп калган экен, кандан уруксат алып, баламдын кабарын билген бар бекен, сурап келейин, эгер баламды билгени болсо мага бериңиз, баламды таптырып алайын дейт. Кан уруксат кылат. Ал казак келип Жаманкаранын жолдошторунан сурайт.

Алар айтпайт да, көрдүк, же көргөн жокбуз деп, ачык айтпайт. Абышка кайра кетет. «Эртең да келем, эгер билсеңер айткыла? Кандан кутказып алам, кандай жаза буюрса да», деп. Ал кеткенден кийин өздөрү кеңешип, «казактын баласын айтпайлы, эмне болсок көрөрбүз. Казактын баласын айтып берип, ошондо жан кутказып, кыргызга келиптир дедиргенче, өлтүрсө өлүп каларбыз» деп өздөрү убадалашып, айтпоого кеңешин бүткөзөт. Ошо барган күнү Кененсарынын Бопуйкан деген карындашы келип, жабыктан шыкаалап, Жаманкараны көрүп кетет да, үйүнө барып, Кененсарыга айтат: «Жаманкараны өлтүрбө, жалдуу кара сырттан экен, муну өлтүргөн жакшылык көрбөйт» дейт. Кененсары: «андай болсо тийип албайсыңбы?» – дейт. «Тийсе тийип да алчу киши экен!» – дейт Бопуйкан.

Кеч кирет, Жаманкара жолдоштору менен жатып калат. Таң атат, эртеси күн шашке болгондо, баягы баласы жоголгон абышка келет. «Силерди өлтүрүүгө токтом болду. Азыр желдеттер келет да өлтүрөт. Киминер билсеңер айткыла, өлүмдөн куткарып алам», – дейт. Убада боюнча бардыгы «көргөн жокпуз» дейт. Казак чыгып бара жатканда, Кедейбай бала көзүн ымдап коет. Казак чапкылап отуруп канга барат. «Бир жаш бала бар экен, ошол чыгып келе жатсам көзүн ымдады, жолдошторунан айбыгып айта алган жок, ошону бериңиз билет окшойт» деп. Кан баланы берет.

Учкаштырып алып, үйүнө алып барып, кемпирине сүйүнчүлөп, сүйүнүп калат. Баргандан кийин Кедейбай айтат: «Ата мени бала кылып алыңыз, менин туугандарымдын баары келип, өлүп кетти. Сиздин кызматыңыздын өтөсүнө чыгамын!» дейт. Макул деп, багып алат. Жаманкара баатырды ыксыз көп казактар чогулуп, араң өлтүрөт. Казактар өлтүргөн баатырлардын эки жаккы бөйрөгүн оюп алып, эки колдорун чөнтөккө кол салган сыяктуу салып коет.

Жаманкара баатыр эки күнү өлбөстөн, эки бөйрөгүн таянып отурат да өлөт. Казактар баатырлардын өлүктөрүн кумга оюп таштайт. «Эми ата менин жолдошторумду кайда өлтүргөн экен, билип келип бер – дува окуй жүрөлү» – дейт, Кедейбай. Атасы барып, өлтүргөн жерди билип келип берет.

Кандын желдеттери келип, Жаманкараны үч жолдошу менен апарып, тоодогу кумга көөмп таштайт. Бала атасына көрсөттүрүп алып, кийин кыргызга качып келгенде, киши апарып, издеп таппай коет. Көмгөн жеринин баарын кум чайкап калат. Бала аман кутулуп келген.

Жаманкараны өлтүргөнүн угуп, Ормон кан кыргыздын баатырларын чакырганы: «Солтодон Жангарач,30 Тынайга31 айт!

Бугудан Боромбай,32 Балбай,33 Канайга34 айт!

Саяктан Медет даткага35 айт!

Чериктен Ажыбек36 Максүткө37 айт!

Сарыбагыштан Жантай,38 Төрөкелдиге39 айт! Кепке жетик чеченин, кеңеш тапчу баатырларын калтырбай ала келсин» деп, Жаманкара баатырды чакыртып барып, Кененсарынын өлтүргөнүн угуп, Ормон кыргыздын баатырларын чакыртат. Ормон бул кезде Ысык-Көлдүн күңгөйүндө жаткан. Бул кезде, саяктан: Медет, Алыбек,40 Черикчи41 баатырлар эле. Бугудан: Боромбай, Балбай, Өмүр42 баатырлар эле. Чериктен Ажыбек баатыр эле. Сарбагыштан: Төрөкелди, Жантай, Адыл,43 Түлөберди, Калпак, Ормонбек, Субанбек44 баатырлар эле. Солтодон: Жанкарач, Тынаалы,45 Күрпүк,46 жетикашка Чыңгыш47 баатырлар эле. Саруудан Ажыбек,48 кушчудан Бүргө баатыр эле. Анжыян кыргыздары катышпай калган.

Кепке жетик чеченинен, кеңеш тапчу баатырынан калтырбай келсин деп, Сазаны жиберет. Барып, кабар бергенден кийин, кыргыз баатырлары бир баштан келе башташат. Биринчи болуп, Балбай баатыр келет, бар жолдоштору менен. Ормон айтат:

Аптыгып шашпаган, ашык сөздү айтпаган,

Беттешкен жоодон кайтпаган,

Берен Сыргак экен, же иним болсочу, же уулум болсочу -деп айтып, Ормон конокко кончу жерине жиберет.

Экинчи Ажыбек49 келет, Ормондун үстүнө кирип барганда, эч кимди тоотпогон Ормон Ажыбекке келиңиз деп орун берет. Конок болчу жерине жибергенден кийин, агам болсочу деп, арман кылат Ормон.

Ормон Балбай менен Ажыбектин эң мурун келгенин жактырып айтканы: Ажыбек агам болсо, Балбай балам болсочу – дейт.

Ошентип, кыргыздын баатыр, балбан, атактуу кишисинин баары келет. Чогулуп турганда, кыргыздын баатырларына Ормон айтат:

Калк жыйылып болгондо, чатырап жыйын толгондо, Баатыр Ормон кеп баштайт, кеп баштаса деп баштайт: «Бул Кененсарынын чоң атасы Абылайкан. Илгертен бери, кыргызга кылганын койбоду, Казак калкынан илгери, Абылай деген кан чыкты, Ал бизге душман болду, калаба салды, Калктын тынчын алды, кыргызга кан койбоду, Баш көтөргөн эрлерди, башынан бери жойгону. Башында келип саяк, Садырканды жайлады».50

Садырдын айткан керээзи өлөрүндө. Ал керээзди кыргыздан Эсенкул баатыр51 орундаткан. Садыр айтып өлгөн:

Ылаачын арыш, кыргый көз, Болот бийдин Эсенкул.

Айта көргүн кебимди,

Ушу кызыталак Абылайдан, менин ала көрсүн кегимди.

Тойматтын уулу Жанболот,52 менин куусун кунумду.

Кан Садыр карып болгону, айтпай калкка угулду.

Агасы Садыр моминтип, армандуу болуп жыгылды.

Жанболот кайрат кылбаса, ким алат менин кегимди.

Өлдү деп мени ойлобой, таштабасын кебимди,

Эр Эсенкул, Жанболот, мен үчүн кайрат кылыңар,

Кубанармын өлсөм да, кунумду кууп тыныңар?»

Кан Садырды сойгон соң,

Кыргызды карып кылам деп, кырып, жоюп тынам деп,

Кылымга санат кылам деп,

Аблай кандан кол алып, арбын черүү мол алып, Бердикожо жеткени.

Кан Эсенкул баатырдан, Бердикожо баш болуп,

Кыйла казак кырылып, кыяматка кеткени.53

Султан Барак – Санбарак, кызыталак, санталак,

Абылай кандан жол алып, 20 миң черүү кол алып,

Бу да келген анталап.54

Түндүктүн белин ашыптыр, кең Кочкорду басыптыр, Кочкората боюнан, Акмазардын оюнан.

Чакмак мүйүз сом куйрук, кочкор таап алыптыр.

Бул кочкорду көргөндө, ажап айран калыптыр. Карыясы кеп айтат: «Кочкордун жайын деп айтат, Ушул жердин ээси, адамдын түшөт назары. Пири тирүү турбайбы, Кочкората мазары.55 Жамандык буга кылбастан, аман эсен кетели.

Ыйык мазар мал экен, кочкорго тийип нетели?» Карыя айтып турганда, ушу сөздү урганда, Анык канкор Санбарак, оолугуп карап турбады.

Союп таштап кочкорду, мазарга сийип, булгады.

Мазар дөбө башынан, ак бараң мылтык атылды.

Аптыгып келген Санбарак балакетке чатылды.

Борошо бурганак ургулап,

Жер көрүнбөй чаң болду, көргөн адам таң болду.

Күн көрүнбөй мунарык, жер көрүнбөй тунарып, Санбарак колу кырылды, жайлайм деп келген кыргызды.

Бул чогулуш өзүндө, карылар айткан сөзүндө.

Бугудан баатыр Белек бар,56 Эсенкулга жөлөк бар.

Булгап найза желегин, жолдош кылып Белегин.

Шамалдан казак качыптыр, дүнүйөсүн чачыптыр.

Артынан кууп кыргыздар, найза менен жанчыптыр.

Бир нечеси кырылып, казак кайтып шашыптыр.

Айтакты кармап алыптыр,57 алып үйгө барыптыр.

Айтак менен дос болуп,

Ак бараң оозун өбүшүп, аман жолго салыптыр. Ошо күндөн ушу күн, Каракоо калаа58 үстүндө, Айтактын чабы деген жер, атак болуп калыптыр.

Аблай кан Ысык-Көлдөгү кушчу деген элде,

Тыныбек дегендин 400 түтүнүн кыйратып, малынбулун алып, эрлерин өлтүрүп, тогуз кызды олжого алып бара жатканда, кыздардын айтканы: Күнгөй көлдүн жээгинде, «Тыныбектин быткылы» деген быткыл азыр да ошол атакта.59

Тыныбек кызы Канышбек, кудайга айтып наалыш кеп, Абылайдын колуна, түшкөнүн айтат Канышбек.

Түлкү жүрбөс түмөн жол, түнүндө кетип барабыз, Түбү калмак залимдин, колунда кетип барабыз. Карышкыр жүрбөс каран жол, жолунда кетип барабыз. Кастык кылчу залимдин, колунда кетип барабыз, Кандай күнгө калабыз?

Aгa тууган эл журттан, алыс калды арабыз,

Бул кордукту көрбөйлүк, кор болуп жүрүп өлбөйлүк.

Иленин суусу чоң экен, зордугуна көнбөйлүк.

Өлүмгө байлап баштарын, түйүштүрүп чачтарын, Тогуз кыз сууга чөмүлдү, чөмүлгөн жерде көмүлдү.

Азап тартып жүргөнчө, артык көрдү өлүмдү. Абылай кандын тукуму, араздыгын койбоду.

Алда канча баатырлар, мунун тукумунан сойлоду.

Чакмак алып ойноду,

Келипсиңер баарыңар, улуу-кичүү карыңар.

Сөзгө кулак салыңар,

Жаң барында баш кошуп, беттешип найза салбасак, Мурунку өткөн эрлердин, кунун кууп албасак, Кантип мындан тынабыз, кандай оокат кылабыз.

Балакеттүү залимден, баш коргоп кантип турабыз.

Алыбыз келсе казакты, Иледен ары сүрөлү.

Кумдан ары кууйлу,

Канын ичип Кенендин, өткөн ишке сууйлу.

Эркек козу тууганда, курмандык үчүн жараткан.

Эркек бала тууганда, намыстык үчүн караткан!» – деп, Сөзүн айтып бүтүрдү, баатыр Ормон күтүндү.

Солтолордун Жанкарач, тосуп буга кеп айтат:

«Баатыр Ормон наасатың, макул келди деп айтат. Катынып жатып алганча, катылышып көрөлүк, Каза жетип, күн бүтсө, кармашып жүрүп өлөлүк. Кыргыз мынча баш коштук, кымсынбай буга көнөйлүк.

Кызыталак калмакка,60 кыйкырышып өлөлүк.

Биз эмес казак кыйрады,61 бир далайы ыйлады.

Айтып өтөр кеби бар, атасы душман калмактын Казак менен кыргызда, кадимден бери кеги бар.

Казак тууган жолдош деп, бизге каршы болбос деп,

Арбак урган ит калмак,

Казак салды бүлүктү, көрсөттү далай түлүктү.

Кыргызды көрүп кызыды, кызып бою ысыды.

Арбак урган калмактын, арбып кетти бузугу.

Текебер кылган адамдын, эгерде иши оңчу эмес, Эзелде жолу болчу эмес. Чоң атасы Абылай, Таластагы саруунун, Чеченинен жеңилген.

Кептен, сөздөн жыгылып, көзгө салкын көрүнгөн. «Кыргыздан сөзгө жыгылдым, көргөнүм ушул деп айткан.

Кан Абылай төрөңөр, өлгөнүм ушул деп айткан.

Үйүнө кайтып барганда, Абылай кайткан жалгандан.62

Кан Садырды өлтүрүп, кыргыздан каргыш алгандан.

Башынан берген бабасын, байкадым мунун чамасын.

Кудай берсе тилекти, басарбыз мунун санаасын.

Аларбыз акыр кор кылып, Абылайкандын баласын». Кыргыздын баары чуркурап, баарысы ыйлап зыркырап.

Ак боз бээсин союшуп,

Азыр түлөө чалышып, алаканын жайышып.

Ушул сөздү укканда, бата кылып турганда.

Медет датка кеп айтат, кеп айтканда деп айтат: «Көпмүн деп карап турчу эмес, азмын деп жоодон ыкчу эмес. Кызыталак Кенен кан, бизден баатырдыгы мыкты эмес!

Абылай бизге кас кылган, кошуун түзөп маш кылган,

Түбүнөн бизди имерген,

Маамыт деген баласын бизге кошуун жиберген.

Эдиге болгон башчысы, көп кошуунду баштаган,63 Текебер кылып шашпаган, найзага туусун аштаган.

Түбүнөн ойлоп күтүнгөн,

Кушчу менен сарууну Таластан чаап бүтүргөн.

Кылапат жок мол менен, кырк миң ашуун кол менен.

Эдиге келип эсирген, кеткен жок менин эсимден.

Сайрам суунун боюнда.

Жалпы кыргыз жамдалып, жарагын алып шаңданып, Тозуп турган камданып.

Боз аргымак мингени, ак барпаша кийгени. Аңгемени арбытып, баарын бүтүн дарбытып, Эдиге келип беттешип.

Биздин кыргыз баатыры, качкан эмес четтешип.

Мергендердин баарысы машыктарын октошуп.

Карап турган токтошуп, кансыз уруш болбойт деп, Ак кийизге салышып, ак боз бээни чалышып, Кан көтөргөн Тайлакты.64 көгөрүп чыккан байракты. Кыргыздын бүтүн кошууну, он миңче черүү болуптур.

Кабарын угуп казактын талаага үч түн конуптур.

Аргымагын кapгытып, аңгемесин арбытып, Эдигелеп чакырып, энеталак кыргыздар, Качпагын деп бакырып.

Айткан кебим тыңда деп, олжомду майып кылба деп.

Келе жаткан кезинде, кайраты мол өзүндө.

Чоң бараңын сундуруп, мергендер жайлап таштаган.

Эрегиште мергендер, бир атканын жазбаган.

Калың кыргыз ошондо жоо качты деп бакырып, Көп казакты жапырып, сур кийик атып чуратып.

Төө мылтыктар тарсылдап, башынан түтүн булатып. Казакты карай качырып, калың колду жапырып. Казак токтоп турбастан, эч бир кайрат кылбастан, Кабыланга урунуп, качып калган бурулуп. Бүтүн кыргыз балдары, сайып салган казакты, далай салган азапты.

Идерлүү жигит күлүк ат, ийменбеген азамат.

Батып калган олжого, азмын деп артын ойлобо.

Чыp чыгарбай олжо алып, мактанып калган элибиз.

Агa-тyyган инилер, айткан сөзүм билиңер.

Айныбастан жазганбай, бул согушка кириңер?!

Иленин суусун чек кылып, казакты бүтүн сүрүңөр,

Бар болсоңор атыңар, каршылык кылчу кимиңер?!»

Медет датка муну айтты; «бек Өтмөктө65 белгиси бар, Эраалынын66 айткан жери, Эдиге эрдин жаткан жери деген, Эки белгилүү жер бар» деди.

Эл сыртынан ойлоп турду, өзүнчө кеңеш курду.

Тулпар минип туу аштап, ким согушту баштаар экен?

Сарбагыштан Ормон, бугудан Балбай,

Солтодон Жангарач, саяктан Медет чыгар бекен деп, Эл кожурап, ойлонуп турушту.

ОРМОН СӨЗ БАШТАДЫ:

«Солто, сарбагыш, бугу, саяк түпкү атабыз бир тууган, ошондуктан бул колду баарыбызга калыс тууган черик Ажыбек баатыр67 башкарсын» – деп Ормон айтат. Колду Ажыбек башкарып, тууну алып чыгат, эл Ормон бийлеп кетти деп ойлоп калышат. Чыккан кошуун Иленин суусуна чейин барып, кыргыз деп чыгышат. Казак качып кетет. «Качкан элдин артынан кууган менен булар барып, камынып алышты. Кайта кетели»,– дейт. Ажыбек: «төртөөң төрт жүз киши бергиле? Мынчалык келгенден кийин, барып, бир жеринен жылкы тийип келейин»,– дейт. Ормон: «барба!» – дейт. Ажыбек: «мени сен жөн эле шылдыңдап кошуунга баштык кылган турбайсыңбы?» – дегенде, Ормон Ажыбекке Камбыл деген күлүк атын тартуу кылып, кайра келип экөө кудалашат.68 Ушуну менен кыргыздын жыйналган колу тарап кетишет.

КҮРПҮК МЕНЕН САМАК69 БАРЫП, ШООРУКТУ ӨЛТҮРГӨНҮ:

Кыш убагында Жаманкараны чакыртып алып, Кененсары өлтүрөт. Шоорук аркылуу. Жаз, жай өткөн учурда Жаманкаранын агасы Чынгыш баатыр күз убагында жабдыктарын даярданып жөнөп жатат. «Кайда барасыз?» – десе, «солтодон эркек адам туулбаптыр, Шооруктун айылына барып өлөйүн деп жатам»,– дейт. Күрпүк баатыр жана башкалары Чынгышты токтотук, камынышып, жүз киши болуп, жарак-жабдыгын даярданып, Шоорука жөнөйт. Чынгышты бир нече жолдоштору менен жолго коюп, бир нече баатыр казактын айылын аралап, көйнөктөрүн селде кылып, кожо болушуп, көргөн эл кожо деп турат. Шооруктун айылы кайда деп сурап барышат. Барса, Шоорук жаңыдан көчүп-конуп жаткан учуру болот. Ошол жерде эле доолбасын уруп, Шооруктун жылкысын тийип жөнөйт. Жылкыны айдатып жиберип, Күрпүк баатыр, Самак 20 жашта бала жана башка баатырлар жолун тосуп калат. Аялы Шоорукту барба дейт. Aгa болбой, Койторуну алып кел деп бакырып, жарагын байланып, жайдак ат минип чыгат. Келгиче «Шоорук келбейт окшойт» – деп, Күрпүк өкүнүп турат.

Күрпүк, Самак жол тосуп, карап турган кезинде, Эр болсо Шоорук келер деп, самап турган кезинде.

Мингени буудан Койтору, малдан башка жой тору. «Баатыр болсоң тургун деп, майданды мыктап кылгын деп, Уурдап жылкы албагын, уят болуп калбагын. Карагай найза кагышып, качпай туруп сайышып, Эрлик менен алгын деп, эрегиш менен сайышып.

Теңдик менен алгын деп.

Атагым казак алач деп, мага чениң менен жанаш деп. Атым баатыр Шоорук деп, кыргызга салган доорук деп, Кыйратамын баарыңды, чениң менен оолук деп. Кененсары каным бар, миң кишилик алым бар, Чындап кирсем кыргызды, чымын-чиркей ойлоймун.

Мин болсо да жаныңдын, бир да бирин койбоймун».

Айкырып Шоорук барганда, айгайын уга салганда.

Тозуп турган эр Күрпүк, качырып найза малгытты.

Тебетей сайган немедей, тегеретип ыргытты.

Койторуну кубалап, Күрпүк баатыр жөнөдү.

Дагы Күрпүк баатырдын, толуп жатат өнөрү.

Шоорук качып энтелеп, жөнөп жүрүп калыптыр.

Качып калган Шоорука, Самак найза салыптыр. Качырып найза салганда, найзанын өткүр курчунан, Боорунан сайган найзасы, тешип чыккан сыртынан.

Шоорук минтип өлгөнү, өлгөнүн казак көргөнү.

Жалпы казак буркурап, жабылып түштү чуркурап. Ойбоюн айтып өкүрүп, өлгөнүн көрүп өкүнүп, Басып калды Шоорукту, баарысы ыйлап доорукту.

Күрпүк, Самак баатырлар, эр Шоорукту жайлады. Эсирип турган кезинде, Койторуну кармады.

Чукул коштоп алышып, эки баатыр жарышып, Кегиңди алып келдик деп, эр Чынгышка барышып.

Эми кегим канды деп

Чатыраган көп жылкы айдап жолго салышып.

Алган жылкы көп болду, адам айтчу кеп болду. Барган эл кайтты жайына, кегин алып казактан, Келип турган заманда, кутулуп калды азаптан.

Шоорук баатыр өлдү деп, жалпы журтка угулду.

Кененсары укканда, жаңыртып кеңеш курулду. Кыргыз сенин барыңды, балаңдан тартып карыңды, Койбосмун тирүү жаныңды, угузармын зарыңды. Баштагыдан Кенен кан, кабарчыктап кумсарып, Шоорук өлдү дегенде, тура албады тынч алып.

Шооруктун өлгөн кабарын угуп, Кененсары-Ноорузбайлар абдан кайраттарына келишип, айласын табышпай калышып, Чүйдүн боюнда жаткан Кыргыздын четин сыртынан чалып келүүгө баатырларын жиберет. Солто элинин Тынаалы баатыры эртелеп барып, Кененсарыга эптелип: «Колтугуна кирип калайын, алакандай кыргызды алып эле койбойбу»,– деп ойлоп. Кененсарынын алдына барат.

Кененсары Тынаалыны туткун кылып, кыштай алып жүрүп, жаз болуп, кой тууту болгон учурда, Кененсары жоон топ баатырлары менен Тынаалыны ала жөнөйт, кыргыздын бир чоң айылын чаап келүү үчүн.

Кененсары баатырлары менен Чүйдүн боюна келип жатып, түн ичинде кыргыздын айылын басмакчы болот.

Жолду Тынаалы баштайт. Тынаалыга Кененсары айтат: «Тынаалы. Кыргыздын бир кыйынынын айылын чаптыр» – деп. Түн ичинде Чүйдүн суусун кечип жөнөйт.

Тынаалы сүйлөйт: «Эми кимдин айылынын үстүнөн чыгарайын? Кой, тынай Калпак эр немелер эле, ошого алып барайын» – деп ойлоп, «теги калба күндүз болсо экен» деп, сууну ары-бери кечип чаргытат. Кененсары да арам ойлоп; «Ойбой Тынаалы, бастырышың бузулду го дейт. Тынаалы: «ой каным, адашып жатам», – деп айтып бастырат. Азыркы Фрунзе шаарынын түштүк-чыгыш жагындагы 10 километр жердеги, Жетимкоодогу кой туудуруп жаткан Калпак баатырдын айылынын үстүнөн таңдын эресерде алып чыгат. Калпак баатыр токтоосуз атыша чыгып, киргизбей токтотуп турат.

 

Солто уругу Тынаалы болгон, ал Тынаалы тегин адам эмес,

Өзү баатыр болгон, элине болгон коргон.

Кептин салтын билет, ар түрлүү санаа менен, Кеңешин таба жүрөт, кандай эми кылсам деп, оюна ала жүрөт.

Тынаалыны кыйнап, тамагын берип сыйлап, бутуна кишен салып,

Кыргыз калкынын кандай жатканынан кабар алып,

Абылайдын кызыл туусун аштап, аңгемени баштап, Бүт баатырын жыйып, колуна алып, Кененкан жөнөп калды.

Кошууну менен жолго салып, жолго кирип, кошуун жүрүп, Жыйын кылып жаткан толук бир миң киши болуп. Шооруктун кайгысы ичке толуп, Сабыр кыла албай, сандалып туралбай.

«Элинин четин чабам деп, эсепсиз малын алам деп,

Алыска кетпесем да, Ала-Тоого жетпесем да, Солтону соолтуп, сарбагышты сапырып, Анча-мынча катылып.

Пайданы таап, эл четин чаап,

Эрегиштин салтын көргөзүп,

Эмгекке салайын» деп, жолго жүрүп калды.

«Сен Тынаалы, жаман бейилди ташта,

Жакшылап жолду башта, акыры өлбөйм десең аптыгып шашпа».

Күндөп-түндөп жол жүрүп, Чүйдүн боюна келип калды.

Эр Тынаалы кабыргасы кайышып,

Көңүлүнө түйүп, калк үчүн ичи күйүп,

Түлкүдөй жойлоп,Чүй суусун бойлоп,

Ар кандай акыл ойлоп, аккан сууну бойлоп,

Жолду чаргытып, аңгемени арбытып,

Мыкандын кара суусуна,

Каршы терши кечирип, бешин келтирип, Кимдин айылынын үстүнөн, чыгарсам болор экен деп, Санаа кылып оюна, келе жатып.

Не болсо да калба,70 таң атканда болсо экен, оюна бул сөздү алды.

Так ушул учурда, Кененсары сөзгө салды. «Ой!… бой… Тынаалы, жакын жолду арбыткандай көрүндүң,

Элиңди аяп, бизди чаргыткандай көрүндүң,

Басыгың бузулду гой, бул жүрүшүн жакшы болгон жок».

«Таксыр каным адашып жатам, антпесе менин, аяр жаным барбы?

Сизге ушул кезде, каршылык кылар алым барбы?

Тынай Калпак баатырдын айлы, Ушу жолду өлчөп таба албай жатам» деди.

Тынаалы баатыр пикири мындай болгон:

«Калпак баатыр эле, шайманы шай неме эле.

Өзү мерген эле, шайманы келген эле, Не болсо да бул залимге, кабылан Калпак, туруштук берер» деп,

Таң кашкайып сүрүп калган кезде, асманга жарык тийген кезде. Калпактын айылын каптатып чыгарды.

Тарсылдатып мылтык атып, карсылдатып доол кагып, Аңгеме салды, айылды курчап калды.

Калпактын кылган кесиби, мылтык-дары, ок камдап, Кененсары келет деп, камданып турган.

Баатыр Калпак, доолдун үнүн укту.

Тартынбастан казак менен, карсылдашып атышып чыкты.

Толук кеңеш курду, шашкеге чейин, колду токтотуп турду.

Бир нече казактарды кырып, атып, өлтүрүп, акырында огу түгөнүп мончок атат: Оңго карап он атып, он казакты сулатып, Бет алдынан беш атып, беш казакты сулатып. Бетинен келгенин жапырып турду, Каршы келгенин качырып турду.

Солго карап он атып, султандарды сулатып,

Кайратты кабат кылды, баары менен атышып турду.

Аябай атып, камакта жатып ок, дары бүттү.

Калпак баатырдын огу түгөнүп, аягында көк мончок менен атат, казактар огу түгөнгөнүн билип, аламан коюп Калпак баатырды өлтүрөт. Субанбек баатыр көгөндөгү козунун ичине жашынып жатып калганда, өзүнүн кичине баласы айтып берип казактар аны да мууздайт.

Кененсары келип, чабуул коюп, Субанбекти өлтүрүп, мал-булду алып кетти» – деп Ормонбекке айылы алкымда экен, кабар барды. Ормонбек баатыр Таштанбектин болотун колго алып, Кененсарынын артынан Найзакызыл ат менен жөнөп, Чүйдүн түндүк өйүзүндөгү тоого жеткенде, кыйкырык салып айтты: «Кан болсоң качпа, кара болсоң кач»,– деп.

Кененсары бул кыйкырыктан токтоп турат. Ормонбек алдына уруп барат. Камданып турган Кененсары жаңдоонун өйдөрөгүндө болуп калып, Ормонбекти маңдайга чаап коет. Ормонбек баатыр кансырап жатып, ошо жерде өлүм болот.

Алынча түттү.

Катындардын чач мончогунан алды, дүрмөткө салды.

Мончок менен моюн бербей тозуп турду.

Ажалы жеткен Калпактын, ак мончогу түгөндү.

Күнү бүткөн Калпактын, көк мончогу түгөндү. Ок дарысы түгөнгөнүн билип, баса кирип, Баса жайлап салды, калкына бүлүк салды.

Казына-мүлкүн талап, колго алды. Жанында жакын, Таштанбектин балдары, Ормонбек, Субанбеке барды.

Калпактын айлында, жаңжалды угуп,

Байлаган козунун ичине барып, Субанбек жашынып калды. Субанбектин жаш баласынан «атаң кайда кетти?» – деп, Казактар сурап калды.

Акылы жок жаш бала, «атам мында жатат» – деп, айта салды.

Жетелеп чыгып, Субанбекти өлтүрүп, Бар малын алып, кайра тартып жолго салды. «Субанбек өлдү» – деп, «Кененсары келди» – деп, Ормонбекке кабар барды.

Күйүп кеткен Ормонбек, Таштанбектин болотун  колго алып,

Найза кызыл атын минип, Кененсарынын артынан жолго салды.

Ал аңгыча Чүйдүн суусун кечип, Кашатка чыкканда, Кененсарынын артынан Ормонбек кууп жетти.

«Кан болсоң качпа, кайратыңдан шашпа, кара болсоң кач», атынын башын бурду.

Кененсары токтоп турду.

Ормонбек астыртан шилтеп, кылычы жетпей калды. Камынып турган Кененсары, Ормонбекти башка чапты.

Кансырап жатып калды,

Акыры Ормон өлдү, буга да ажал келди.

Бул сапарда кыргызды Кененсары жеңди,

Үркөр ооп, жыл келди,

«Таң атардын алдында, эр Калпангың өлдү»,– деп, Эр Жантайга тил келди.

Булкунуп алды мурутун, жулунуп алды сакалын.

Ат куйругу булайып, таң атардын алдында,

Эр Жантайдын кызыл туу,

Чөмүчтөн башы кылайып атка салды жүгүндү, Ажалы жеткен Калпактын, көк мончогу түгөндү.

Төөгө салды жүгүндү,

Ажалы жеткен Калпактын, мончогу мунун түгөндү. Ажалы жетип күн бүтүп, Калпак өлдү жалгандан, Аз аңгеме айтылды, айтылып нуска калгандан.

Ормонбек менен Субанбек, эки түйгүн жөнөдү.

Айткан менен айла жок өлгөндөр кайтып келеби?

Жазгы кой туутта Калпак өлөт, эл өөдө тартканда, Кененсары кол менен келет.

КЕНЕНСАРЫ КАЗАКТАН КӨП КОЛ ЖЫЙЫП, КЫРГЫЗДЫ КАРАЙ АТТАНГАНЫ 71

Аз гана эмес мол менен, алты сан кара кол менен.

Кыргызга кыргын салам деп, жөнөп калды кол менен.

Казактын баарын жыйнатып, канча жанды кыйнатып ыйлатып, Кыргызды ойрон кылам деп, кыз катынын ыйлатып, Жайлоо каркап72 толгон кез.

Атпай кыргыз балдары, Ала-Тоого конгон кез. «Кыргызга кыргын салам деп, арбын кошуун барам деп, Кыз-катынындан олжого кыйласын тандап алам деп Кыргыз деп атак калтырбай, тукумун койбой кырам деп. Ала-Тоого жазданып, өзүм барып турам деп, Катындарын тул кылам, эркектерин кул кылам.

Бүтүн казак аттан деп, сөзүмдү жатка ал деп, Баатыр жигит, күлүк ат, мен барам деп катал деп баатырлар баарың, барам деп, көөнү жайлан деп, Арбын мал байлап алууга аркан-жибин байлан деп. Ургаачы, эркек калба деп, жардыгымды карма деп, Карк олжодон кур калып, эртең өзүң танба деп.

Кызыл желек ак түпөк, баатырлар барсын  майданга Кызыл жоолук, ак жоолук катындар барсын майданга». Абылай кандын уругунан, кырк төрөнү кошчу алып, Чубурталуу элинен, Агыбайды башчы алып. Эржан, Санжар төрөлөр, датка Байзак, Ноорузбай, Жапар төрө баласы,73 муну да кошуп алыптыр.

Калың казак журтуна, каарын катуу салыптыр.

Саратан жайдын өзүндө, калкын жыйнап алыптыр.

Калкын жыйнап күтүнүп, сарамжалын бүтүрүп,

Сан казагын самсытып, айдап Кенен жөнөдү, Эркек, аял аралаш, түрүлгөн түмөн кол болду, Аз эмес, арбын мол болду.

Кулундардын ээрчитип, бээ мингени дагы бар.

Түйшүк тартып, зар ыйлап, Төө мингени дагы бар. Кан чакырды барам деп, калың олжо алам деп, Кол байланып кор болуп, жөө жүргөнү дагы бар. Катын, эркек аралаш бирине бири карабас, Абылайдын кызыл туу, асмандатып аштаптыр. Колум арбын болсун деп, Кенен кан колун баштаптыр. Найзанын учу кылкылдап, жолго түштү шылкылдап. «Мен Аблай кандан келем деп, кошунум арбын кенен деп,

Кыргыздан тукум калтырбай кыйратып талап келем деп.

Ормонун ойрон кылам деп,

Ала-Тоого мен барып, ордо салып турам деп, Көрк көрсөтөм душманга, арбын кошуун кол менен. Катын-эркек аралаш, түрүлгөн кошуун кол менен». Деп – Кантоосунан аттанып, калкына Кенен мактанып, Желпилдеген туу менен, жер майышкан кол менен. Үкү баштуу туу менен, үпчүн74 кийген эр менен, Асаба желек калкылдап, айбалта, мылтык жалтылдап. Чарайна75 төшкө чапташып, карыпчын76 колго капташып, Аблай кандын Кененди, атпай журту макташып, Кармаганы кызыл туу, казактын бары ызы-чуу.

Кесири арбын Кенендин, кылган иши мына бу.

Асылы казак кыйыры, кен Меркиде жыйыны.

Меркидеги Ботпайдын, Супатай, Андаш кыйыны. «Менин өкүмүмдү кылбайт деп, даяр болуп турбайт деп».

Супатай менен Андашты, каарына алды Кенен кан.

Кан Кенен казап кылганда, карап турду канча жан.

Эми, Супатай менен Андаштын, кылып жүргөн эби бар. Жангарач менен сүйлөшүп, жайланып жүргөн кеби бар, Жангарач менен жайланып жүргөн кеби бар.

«Бул Кенен кан пайда кылбайт деп,

Мунун артында иши тынбайт деп,

Ушунчалык оолукту, убада сөзгө турбайт деп

Жангарач менен жайлашып, убада сөзүн байлашып, Бекилген сөзү башында,

Берен Андаш, Супатай – Жангарачтын кашында. Байзак келип Ормонго, куда болгон жери бар.

Убада сөзүн бекитип, айтып жүргөн кеби бар.77

Кененсары күркүрөп,

Жалпы казак сыртынан, кылып жүргөн деми бар.

Кененсары келгенде.

Баатыр Андаш Супатай, келгенин анык көргөндө,

Эң улугу Кенен кан, айдап келген кошунга,

Ургаачы эркек нечен жан, Меркиге келип туу тигип, Супатай менен Андашты, каарына алды келтирип, «Ботпай сенин карыңды, тирүү койбой жаныңды.

Кыргыздан мурун кыйратып, тынамын деп өчүрүп» Супатай менен Андаш келишти, Кенен кан менен корушту.

«Баш алдаяр таксыр» деп, эңкейип колун беришти.

Колун сунду Супатай эр Ноорузбай төрөгө. «Сен төрө эмессиң, карасың, Асылың казактан туулган баласың.

Каранын колун албаймын,

Колуң арам төрөгө, мен арам колго барбаймын.

Тарт казагым колуңду, табармын сенин жолуңду, Көзүм аман турганда көрсөтөрмүн сонунду» Анда Кенен кан кеп айтат, кеп айтканда деп айтат: «Андай эмес карагым, артын байкап санагын,

Андаштын шагы сынбасын, Супатай карап турбасын». Ноорузбай aгa болгон жок, ойлогон сөзүн койгон жок.

«Мен алуучу кол эмес, колуң арам Супатай,

Мен жүрүүчү жол эмес, жолуң арам Супатай,

Тарт колуңду кайткын деп,

Былжыраган сөзүңдү, башка адамга айткын деп», Ноорузбай төрө эсирди, эпсиз кылды кесирди.

Супатай анда кеп айтат, кеп айтканда деп айтат: Кенен кандын өзүнө, алдыяр таксыр деп айтат,

«Колумду албай койду деп, капа болбойм төрөмө, Тууганы сөздөн жалтанып, душмандын мизин кайтарып,

Кыр көрсөтүп жатпайбы,

Атпай алач калкына, эрк көрсөтүп жатпайбы!»

Кенен кан туруп кеп айтат, кечиримсиз бек айтат: «Эй, Супатай, эр Андаш, колуңду жүргүз деп айтат, Жан калбасын жайында, эл калбасын элиңде.

Кабардар болгун сөзүмө, каралдың нечен өзүмө. Кана колун көрөйүн, элиңди көргөз көзүмө!» Күтүнүп турган Супатай жан калтырбай жыйнады.

Жангарач менен сөзү бар, артына кылчаң кылбады.

Каптаган кара кол менен, тууну тууга урушуп,

Тулпар минип турушуп,

Кыргызды кыйла мүргүтүп, солтонун баарын үркүтүп,

Талкандын78 четин талкалап,

Качкандары кутулуп, калктын чети тутулуп,

Колго түшкөн бендени, кордук кылып өлтүрүп,

Далай жандын баарына, жабыр жапа келтирип,

Боюнда бар катынды, ичин жарып салышып,

Ичиндеги баланы, ичинен сууруп алышып,

Солтону айдап турушуп,

Балдарды жарып өлтүрүп, керегеге илишип.

Эшкожо менен Канайдын, күмбөзүн бузуп өрттөшүп.79

Казактардын ичинен, бир карыя кеп айтат:

«Бул тегин күмбөз болгон жок, кабар туюп кишиден, Карга учуп чыкты ичинен, аңдыган душман соо болбойт.

Арбагы эми кыргыздын, көтөрүлдү өзүңдөн.

Кыргыз бизди соо койбойт, кыргызга барып нетели,

Алдыяр таксыр аман соо, ушу жерден кайра кетели?»

Бул сөзгө Кенен болгон жок, ойлогон сөзүн койгон жок.

«Кыргыз качты кырамын, кырып жанын тынамын.

Атагы дайын Ала-Тоо, өзүм конуш кыламын.

Качкан кыргыз турчубу, кайрылып кайрат кылчубу? Качкан жоому жоготпой, кан Кенен жаны тынчубу?» Саруу, кушчу Таластан, Суусамырды бет алып, Качып чыкты жан калбай.

Бүтүн солто бет алып, Ысык-Көл карап ыктады.

Капчыгайга камалып,

Жангарачтын сөзүнөн, жалгыз солто чыкпады. Бөлөкбай жоодон качпады,80 бөрүлөр жоодон шашпады.

Качпай туруп атышты, кызыл канга батышты.

Кызылсуу, Шамшы оюнда, Чүй өзөнү боюнда, Аянбай кирип атышып, көп болсо да Кененди, Эр Бөлөкбай токтотту.

Майдөбөнүн өзүнө, эки күн тозуп токтотту.81

Эки күндүн ичинде,

Чаң жетпес бедөө ат минип, чылк бадана тон кийип, Болот кылыч колунда, калың колду аралап.

Далай элди кыйратып, кайтып чыгат Ноорузбай.

Кызылооз деген тулпардын аты

Кыргыздан тукум койбойм деп, айтып чыгат Ноорузбай. Теке жоомарт бууданы, сыртына тартып сууганы.

Жетпей калат кыргыздар. Ноорузбайды кууганы.

Улам кирип качырып,

Кылыч менен кыйратып, жайлап кетет далайды, Каршыгып калган душман жоо, казыр кылып карайбы.

Теке жоомарт бууданы,82 жебе жетсе жел жетпейт.

Артынан атса ок жетпейт.

Далай жанды кыйратып, Ноорузбай кирсе соо кетпейт. Ал аңгыча болбоду, эл ичинде бир мерген

Саякта Бердибек деген Балбанкыз деген карындашын Ормондун өзүнө берет. Бир кезде бул кыз Ормонду бир колу менен чакмактай алып атка мингизет. Ормон ачуусу келип коё берет, төркүнү коркуп качып, Солтонун суумурун деген элинин ичине келип туруп калат. Бөлөкбай элинен Олжобай деген мерген атты деп да айтылат. Ошол Бердибек аткан экен. Ноорузбайдын тулпарын, бир колун атып тырайтты, үч буту менен жеткирбей, Ноорузбай качып кутулду. Кыянат сөздөн көп айтып, кылып келди кусурду. Жана элден буудан таптырып, эрегиш менен чаптырып,

Эр Байзактын Алаяк, бу дагы буудан

Кары, жашы жыйылып, калың казак кеп айтып,

Айтып сөзүн билдирди. Эр Ноорузбай төрөгө, Алаякты мингизди.

Алаяк Текежоомарттай ашкере буудан болбоду.

Майдөбөгө камалып, араң жанын коргоду.

Ормон кан Ысык-Көлдүн күнгөйүнөн кол менен аттанып чыгышы.83

Жаңыдан Кенен келгенде,

Жангарач кабар бергенде,

Күңгөйдөгү Ормонго, кабар салган Жангарач,

Кененсары келди деп, өрттөп кирди жерди деп, Бала-чака чыгарбай басып калды элди деп».

Бул кабарды укканда, оолугуп Ормон турбады.

Сарыбагыш менен бугудан, сандаган кошуун жыйн ады. Саяка кабap салдырды, сардалдын84 баарын алдырды. Төрөгелди, Ормон кан, адамды айран калтырды, Бугу, Саяк келгенче, бурулуп карап турбады.

Аземин журттан арттырып, керней-сурнай тарттырып, Төө мылтык атып тарсылдап, добул кагып карсылдап,

Желпилдеген туу менен, жер майышкан кол менен, Төрөгелди, Ормон кан, келип калды жол менен, Калмакашуу жол менен.

Бул кошунундун ичинде, карыясы Калыгул,85 аңгемеси мына бул.

Төрөкелди, Ормон бар, түбөлүк журтка коргон бар. Кепке жетик Шамен бар,86 Ботаалы87 менен Адыл бар, Үмөтаалы, Чаргын88 бар, моңолдор Сары Токтор89 бар.

Карабектин Жантай90 бар, оёндун баары кошулуп,

Казактар көөп кетти деп, кайраттуу эрлер озунуп,

Калмакашуу ашышып, Чоң-Кеминди басышып,

Аземи журттан арттырып, Алтын ооз кернейди,

Орозбакка91 тапшырып,

Арылдатып тарттырып, сурнайын зуу тартып,

Кан Ормон деп чуу тартып,

Жазайыл атып тарсылдап, добул кагып карсылдап, Кашка жолго келишип, калкына кабар беришип.

Оён Ормон кеп айтып, кеп айтканда эп айтып.

Алтын ооз кернейди, Орозбак баспа деп айтып. Текеликтин сеңирде, теминишчү жеринде, Майдөбөнүн өзүндө, майдан кылчу кезинде.

Добулдун үнү тапылдап,

Керней үнү бапылдап, төө мылтык үнү тарсылдап,

Жер жаңырган чуу болуп, алда канча дуу болуп,

Кенен канга угулду;

«Ой пирим ай, бул добуш, жер жаңыртты дүңгүрөп, Кулагымды тундурду, алда канча күңгүрөп, Күңгүрөгөн неси?» – деп, Кененсары сурады.

Жооп бербей ал жерде, Байзак карап турабы.

«Келгениңде Кенен кан, чабагы менен чабыштың,

Азыраак майдан салыштың,

Жаяны келди жаңыдан, салышасың абыдан,

Мунун жаяны Ормон дөө келди,

Кернейин тарттырып, келбетин журттан арттырып, Карап байка сөзүмө, кабар берди өзүңө.

Адам өлчөөр эр эмес, бир көрүнөөр көзүңө».

Кашка жолдо кернейи, кан Кененге угулуп,

Кан Ормонкан келгиче, канча жан карап турулуп,

Ай деп койгон киши жок, адам менен иши жок, Кызылсуу, Шамшы оюнда, Чүй суусунун боюнда, Кененсары казактын киремин деп тоюна.

Бөлөкбай, Талкан үстүнө, баса конду Ормон кан.

Сегиз бектин сарасы,92 дөөлөтү каркап толгон кан.

Эр Байзак, Кененсарыга Ормон канды мактаган.

Айткан ушу сөзүнө, ыраазы болбойт өзүнө.

Байзакты Кенен кекетип, Кененсары кеп айтат: «Баркымды билбей калжырап, мен турганда

Ормондун, Мактайсың несин?!» – деп айтат.

Жаным аман турганда, жаноо айткан сөзүңдү, Жайлармын Байзак өзүңдү.

Аптыгасың мактанып, ачармын сенин көзүңдү.

Атпай алач кол келди, аянбай ашуун мол келди.

Түрүлгөн калың кол менен,

Түйшүк салбай нетемин, түбүнө кыргыз жетемин!» Түрү суук сөз менен, Байзакты Кенен кыстады.

Жаны курсун өлбөйт деп, сай-сөөгү сыздады.

Бөлөкбай менен Талканга, Ормондун колу кошулду.

Акылмандуу карылар, акыл ойлоп озунду.

Азаматар шайлады, аянбай көңүл жайланды.

Чүйдүн суусун келтирип, кургак сайга байлады.

Кадимки сайдын өзүндө, кашык суусу калбады.

Майдөбөнүн өзүнө, карылар айткан сөзүндө,

Келберсип келген Кенен кан,

Суу таба албай мукурап, адамы суусап зыркырап, Текеликте көп кошуун, баштан аяк чуркурап. Ойлонуп  акыл таптырып, отту арбын жактырып,93 Ормон салып локусун,94 эл журтуна кеп айтат:

Эрегишке душмандын, эсебин тапкын деп айтат. Ачта кеңеш табылбайт, токто кеңеш кутулбайт. Далайдан бери жабыркап, душмандын жолун алдыңар. Солто Талкан, Бөлөкбай, ачка болуп калдыңар». Дасторконун мол жайып, сары казы, кыйма жал Бышык эттен мол берди.

Жалпы солто уругу, Жангарачка жол берди.

Түнкүсүн болгондо, отту арбын жактырат.

Колу арбын десин деп, эсебин минтил таптырат.

Күндүз күнү болгондо,

Чаң асманга оргутуп, талаага мала тарттырат.

Эл эсебин алдырат, адамды эстен тандырат.

Алкаргадай арык келди,

Беттешкен жоону жеңген белек келди.

Моңолдор толук келди, чегирткедей черик келди.

Таруудай саруу келди, кумурскадай кушчу келди.

Ат түгүндөй адигине келди, сансыз саяк келди.

Анжыяндан басыз келди, Алатоону ашып келди.

Кырк сан толо кыпчак келди, Алайдан муңгуш келди. Жер жайнаган жедигер келди, жергеси менен багыш келди.

Кылайып кыргыз калган жок, Алтышаардан нойгут келди. Кызыл аяк, каңды келди, кыдырша, тейит келди.

Анжыяндан дөөлөс келди, жылдыздай мундуз келди.

Кылымга толо кыргыз келди.

КЕНЕНСАРЫНЫН ЖЕҢИЛИП ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ

Бул кабарлар сезилип, көзгө көрүнүп, катын сөзү анык болуп билинип,

Кошууну суудан суусап,

Кенендин оюна ар түрлүү сөз түштү:

Ой пирим ой! Бул кыргыздан типти жан калбайт экен гой. Башкабызда бирден туяк бар эди,

Арказызда шам жагар, шырак бар эди.

Ноорузбай сенин өзүңдө тукум. туяк жок эди. Сен Ноорузбай кайтсаң калай, аттын башын тартсан калай.

Элге салам айтсаң калай?!»

Деп Кенен кан Ноорузбайга айтып өттү.

Ноорузбай aгa болгон жок.

акыры ар бир жан өтөр, айтканыңыз бекер. кылымга толгон алачты, кыргыз нетер.

Менин кеткеним уят, ушак сөз кайда сыят».

Деп Ноорузбай болбой койду.

Акыры ичинен бузулуп, күнү кысылып,

Кенен кан Ормонго эки элчи жиберди, «журт болушалы?» – деп. Агыбай баатыр менен Эржан төрөнү жиберет.

Агыбай, Эржан Ормон канга элчиге келди.

Келген жерден турбастан, башка сөздү урбастан.

Элчилик сөзүн айта баштады:

«Баатыр Ормон каным, аман болсун жаның!

Кан Кенен бизди жиберди, урмат кылып силерди.

Бир баш, бир тас бололу дейт,

Айыл аралаш, кой короолош конолу дейт. Уруш-согушту коёлу» деп, Агыбай, Эржан экөө айтып өттү.

Бул сөзүнө Ормон баатыр кулак салган жок, кабыл алган жок.

Ормон баатырдын ачуусу келип, түгү сыртына айланып турган кези.

Кыргызга карап кеп айтты, жардыгын эми бек айтты:

«Ушу келген төрт казактын,

Бүчү-бүлдүргөлөрүнө эч бириң тийбеңер,

Эгер ким тийе турган болсо,

Малы-башын талоонго кетирем!

Эртең шашке маалда, бүтүн баарын,

Өз колум менен, камчыга ченеп бөлүп берем!

Угуңар! Уят болуп калбаңар?!» – деп.

Бул сөздү угуп, Агыбай, Эржан кайтып келди.

Ормондун бар мүнөзүн айтып келди.

«Алдаяр каным, аман болсун жаның.

Ормон оңой жоо эмес экен, биз омурчу тоо эмес экен. Сүрү айбаттуу экен, сөзү кайраттуу экен.

Кийими кыска экен, найзасы букта95 экен,

Жарагы көп экен,

Жайнап жаткан колго, жалгыз Ормондун, Айткан сөзү эп экен.

Журт экен деп бизди, эсине алып байкаган жок. Эли туш-туш тараптан келип жатыр, Жардыгына көнүп жатыр.

Казакты сыртынан, калкына бөлүп берип жатыр.

Анын несин айтабыз, бизде айтарга сөз калган жок.

Алдыяр таксыр, өзүңүз билиңиз?» – деди.

Бул сөздү угуп, Кенен айтты:

«Агыбай баатыр, Эржан төрө дагы барыңар,

Кандын сураганы кан,

Жоо болсо да берет деген, илгертен бери нарк бар.

Жалгыз балам, Жапар төрөнү,

Жол берип жолдоштору менен чыгарып жиберсин».

Агыбай, Эржан Ормонканга жана барды.

Кененкандын бул сөзүн, ошо бойдон айта салды. Экинчи элчи келдик Кененкандын жалгыз баласы, Жапар төрөгө жол ачып бериңиз?

Бул аман элине кайтса деп, сизден тилеп келдик». Ормон: «кайтса кайтсын! Талкан жагына айтыңар, Ошол жактан жол берсин!» – деди. Алты жолдошу менен, талканды аралап, Жапар төрө бошоп кетти.

Бул сөзгө, ботбай Супатай, Андаш күтүнүп турган.

Башында Жангарач менен убадасы бар.

«Аман калчу Аблай кандын тукумубу?

Өлүүчү бизби – деп, ботбай уругу туруңар.

Ат куйругун түйүңөр.

Супатай, Андаш эли менен солтону аралап жөнөп кетти.

ОРМОНДУН ЭЛИНЕ КЫЛГАН ЖАРДЫГЫ:

«Жалпы кыргыз турба деди, жардыгымды эки кылба!» – деди.

Сары өзөн боюн сыр деди,

Ниязбектин чоң Ормон;

«кызыталак казакты камчыга ченеп кыр» деди.

Жалпы кыргыз аттанып, жоо качты деп шаттанып.

Камап алды казакты, казака салды азапты.

Найзанын учу жабышты, адамдын башы кагышты. Желек туудан бөлүнбөй, жердин бети көрүнбөй, Айбалталап чокусун, оюп кирди эрендер.

Бет алганын кыйратып, союп кирди эрендер.

Кылыч менен баштарын, алып кирди эрендер.

Кыяматты төрөгө, салып кирди эрендер.

Чокмор менен салышып, чокудан канды агызып, Найза менен мылгытып, тепчий сайып ыргытып.

Ал аңгыча күн батты, душмандыгын билбестен. Эн сөз айтса кирбестен.

Качып калган казактар,

Тынаалыдан кеп сурайт,

Кол каякта деп сурайт,

Тынаалы аларга оң сөз айтабы, Эр кишинин көңүлүнөн кек кайтабы.

Чүй бойлотуп, Мыкандын кара суусуна, капталтып алып келет. «Жол мына» деп көрсөтүп, Тынаалы калып калат.

Казактар сууга аттары менен түшүп, эн көп кырылат.

Кол бузулуп, качарда Кененсары айтат:

«Агаке мени таштайсыңбы?» – деп. Агыбай айтат: «Ой кудай ай, көпкө топуракты кантип чачам.

Кош Кенен, кыяматта көрүшөлү деп,

Агабай баатыр кыргызды аралай качып, Кеминди көздөй барып, Каштекти ашып, бүт эли, колу кошууну менен аман кутулуп кетет. Кененсары Каракоңуз, Ичкени көздөй качып, Ормонбек, Субанбектин жылкысына учурап; сымбаттуу киши, букар бачайыдан көйнөгү бар экен.

«Сиз ким болосуз?» – деп жылкычылар сурады.

Сырын жашырбай Кенен канмын деп чынын айтты. «Мени жолго салыңар? Каалаганыңарча көп дүйнө алыңар?» – деди. Бул жылкы Ормонбек, Субанбектин жылкысы эле. Жылкычылар – Кененканды байлап алып, Ормон канга алып келет.96 «Жүзүн көрсөтпөй, жакшы багып тургула!» – дейт Ормон.

Эртеси таң атканда казактардын колго түшкөнүн, аттарын, жабдыктарын ойдон-тоодон жыйып жүрүшөт. Көп казакты колго түшүрөт. Бир казакты чечейлер97 кармап, учкаштырып келе жатса, жолдон бир жаш казак таштын түбүнөн (чуңкур) жерден чочуп чыга калып; «төрөм, эмне кылып жүрөсүң?» – деп бакырып жиберет. Ал Ноорузбай экен. Ошол жерден Ноорузбай экенин таанып, кишендеп алат. Ошол учурда Эржан төрө да колго түшкөн. Кененсары өлтүргөн кишилердин туугандары Ормон кандан; «казактын баатырларын бизге бергиле, өзүбүз өлтүрөбүз?» – дейт. Ормон өзүнүн кеңеши, аман-эсен Кененсарыны аттап-тондоп, достошуп кетирейин, орусту бизге келтирбей тозот деген ойду ойлогон.

Ошону менен кыргыз эки тapaп болот. Ноорузбайдан; «эмне арманың бар?» – десе, «дүйнөдө эч арманым жок, соодагерден кырк төөнүн жүгүн түшүрүп алдым эле ошону ачканым жок жана бир сулуу кыз бар эле, ошого нике кыйганым жок – дейт. «Кененсарыны өлтүрдүк, сени аман кетирели?» – дейт, кыргыздар. Кыргыздын тартпай кыргыздын жонунан тилдеп, эч бир сезбейт. Акырында Кененсарыны солто, Ноорузбайды тынай уруктары алып, Эржанды сарбагыш yруусу алат. Үчөөнү тең өлтүрөт.

Кененсарынын жүрөгүнүн жарымы май экен. Жалы бар экен. Ноорузбайдын жүрөгүндө бир кара эт жок, сулп май болуп, ортосун өрдөгөн чийдей кара кылы бар экен. Кененсары 38 жашында өлөт.

Кыргыздар Кененсарыны өлтүрүп туруп, Ноорузбайга «өлтүрдүк» – деп, айтып угузат да; «бул жаш экен, кое берели?» – дешет. Ноорузбай бир да тилин тартпай кыргыздарга ачууланып айтат: «өлтүрсөң мен барамын кудайыма, өлтүрбөсөң мен кубамын Кененкандай жубайымды!» – деп. Өлөң менен Ноорузбай бир да тилин тартпай, кыргыздарды ачуулантып турат. Бул сөзүн угуп, кыргыздар анан өлтүрөт. Ноорузбай бул кезде 25 жашта болот.

БОПУЙКАН КЫРГЫЗДАРГА КЕЛИП, БАШ ЖЫЙЫШЫ.

Бирин-серин качып кутулган казактар Кененсары, Ноорузбайдын колго түшкөнүн Бопуйканга айтып барат. Качкандары кайтып барды, көргөн-билгенин айтып барды. Кыргыз бизди жеңди, кыйла казак өлдү.

Кененкан, Ноорузбай, Эржан, Ормондун колуна түштү».

Бул кабарды уккан соң, карындашы Бопуйкан, Калган калкын жыйнап, тирүү калганын колубузга алалык, өлгөнүнүн кабарын угалык,

Калган жанды, сатууга салып, аман чыгарып алалык»,– деп Бопуйкан элинен көп киши алып, Ормон канга тартууга келип калды. «Башым тартуу, казак элим тартуу, дүнүйөдөн айтканыңды орундатам, өзүм аял болсом да» деп тиленип келет. Ормондун салтанатын көрүп, Бопуйкан таң калып, ушуну менен кантип урушту экен деп ойлойт.

Сөзгө кулак салбай, адамдын тилин албай,

Бекер катылган экен төрөлөрүм!»

Кан колуна кан түшсө, кандын жүзүн көрсө, Казак-кыргыз салтында, канга өлүм жок деген.

Сатууга салып, наркын берип,

Аман эсен алып кайтармын деген талап менен барган. Бопуйкан барганча, тирүүлөрүн жайлап салган. Бул кабарды уккан соң, Бопуйкан Ормон канга, Сөз айтып калды.

өлгөн жан өлүптүр, калган жандар калыптыр.

Калган жанды кор кылбай, баш жыйууга болор бекен? Деп сурап калды.

Ормон кан анын сөзүнө чын бейли менен жооп берди. Мен казака барганым жок, калкын талап алганым жок.

Төрөлөрүң өзү келип, өзү өлдү.

өзү өлгөн жанга мен күнкор эмесмин.

Кыргызга кыран чалды, кыйла жанды кырып салды.

Зайыптык кылба, сөзүмдү тыңда! Сөзүмдүн салтын, текшерип сында.

өлгөн кыргызга, толуктап туруп кунду бер!

Наркы кесилүү.

Тирүү калган казакты, сатууга салам мунумду бер!?»– Ормон кан муну айтып өттү.

Бопуйкан муну кабыл алды, Ормон өлгөндөрдүн кунун алды. Тирүү калган казакты сатууга салып, 60 жылкыдан алды.

Бопуйкан эрлеринин сөөгүн жыйып алды. Колго түшкөн аял, кыздын каалаганы калсын, Турбайм десе кетсин, өздөрү билсин», – деди.

Кыргызга келип, көөнү жайланып, Никеге байланып калгандары, Бир нечеси туруп калды.

Өзүнүн эли, калкын сүйгөнү сатууга салынып, Бопуйкан менен калкына кетти.

Текеликтин сеңириндеги дөбөнүн аты ошол казактын көп кырылып, майланганынан атагы Майдөбө деп калынды. Кадимден казак, кыргыз тынч турган эл эле Кенен кандын атасы Аблайкан, кошуун куруп, козголоң салып, Таласка келип, талап малын алып, саяк Садыр канды өлтүргөн. Бузуктун башы Садыр кандын өлүмүнөн чыккан.

Бузук төрөлөр казак-кыргызга, арасында жүрүп, араздык сала берген. Тынч жаткан журттун тынчын кетирип, каалаганын ала берген. Кыргызда макал бар; «бөрү баласы ит болбойт» – деген. Түбүндө Чынгызкан Жунгариядан келген. Тынчтык бербей, казак кыргызга азап салган.

Ортосун бөлгөн.

Түбүнөн бери, тынч элге душмандык кылып келген. Бул Кенен кан атасынын салтын кууп, Кыйла кыргыз-казакты кырып бүтүрдү.

Кененкандан кийин, казак-кыргыз кадимкидей тууган болуп,

Байтал жуушап, бала уктап, айлы аралаш-кой короолош, Жигит жоролош аштык оролош болуп, Казак-кыргыз кудалашып достошуп, Жарашып, жайлуу тууган болуп калды. Муну баары түбү душман,

Чыңгызкандын тукумунан келген.

Кастык деп, жандын баары ойлонуп билип калды.

КОШУМЧА ТҮШҮНҮК:

  1. Бул даректүү поэма 1846–1847-жылдары болуп өткөн казаккыргыз согушу жөнүндө баяндалат. Кененсары Касым уулунун кыргыздарды басып алуучулук максатына, ал мезгилде өз алдынча мамлекеттүүлүктү түзүүгө аракеттенишип жатышкан Ормон хан башында турган түндүк уруулары каршы сокку урушуп, Кененсары-хан баштаган ондогон төрө-султандарды колго түшүрүп, кыргыз элинин эркиндигин коргоп калышкан.
  2. Кененсары Касым уулунун кыргыз жергесине жасаган согуштук жортуулу тууралуу окуялар элдик оозеки тарыхый санжыраларда кеңири сакталып, көптөгөн уламыштар жаралган. Бул поэма ошолордун негизинде жаралаган.
  3. Кененсары Касым уулу (Кыргызда Кененсары аталат) 18021847 -жылдары жашаган. Орто жүз  султаны. Бир туугандары Саржан менен Эсенгелди Олуя ата, атасы Касым Түркстан шаарында Кокон бийлиги тарабынан өлтүрүлгөн Кененсарынын өзү да Кокондуктардын колуна түшүп, Ташкенде зынданда отурган (Аристов Н.А. КЖФ №4019, «Киргизия времия Коканского владычества») Болжолу 1841–1842-жылдар аралыгында ал  өзүн хан деп жарыялап, падышалык Россиянын саясатына каршы туруп, Орус бийлигине баш ийген  казак урууларын да талап-тоногон. Анын башын Орус бийлигин 6 миң сомго баалашкан натыйжада Сары аркадан Чүй суусунун жээгине качып келип, күч колдонуу менен адегенде улуу жүз казактарын өз жагына тарткан. Бирок, булар анын кол алдында толук өтүшкөн эмес. Ушундай кырдаалда ал кыргыз урууларын басып алуу максатында 1845–1847-жылдары катары менен үч жолу жортуул уюштурган.
  4. Ормон кан Ниязбек уулу (1792-1855). XIX к. биринчи жарымында кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет (хандык) түзүүгө аракет кылган тарыхый инсан. Кыргыздын сарбагыш уруусун бийлеген, Ормон 1847-жылдагы Кененсары-хан тарабынан жасалган мыкаачылык согушта кыргыз элинин башында туруп, эң сонун аскердик айлакерлиги менен анын колун талкалап, өзүн колго түшүргөн жана кыргыздардын эркиндигин сактап калган, Ормон хандын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө жасаган аракетине-биринчи кезекте-Коконхандыгы менен падышалык Россиянын тарабынан жүргүзүлгөн саясат тоскоолдук кылат. Кыргыз элинин биригүүсүнө каршы жасалган аракеттердин натыйжасында көптөгөн кыргыз урууларынын ич-ара биримдүүлүгү бузулуп, ушундай кырдаалда өзүнүн жакын туугандары колдуу болуп өлгөн.
  5. (Текелерсинер) Кененсары менен Ормон хан жетектеген кыргыз урууларынын чечүүчү салгылашуусу болуп өткөн жердин географиялык аталышы. Айрым нускаларда «кекиликсенир» болуп да аталат болжолу азыркы Токмок ш. күн чыгыш Чүй суусунун жээгинде жайгашкан Каратоонун этектеринде болушу мүмкүн.
  6. Казак-кыргыз беттешкен жердин аталышы. Уламыштарда ушул жерде казактар көп кырылып, алардын канына жер майланды дешип, Майдөбө аталып кеткен.
  7. Азыркы Астана мында Кененсарынын орустардын аскер бөлүктөрү менен болгон согуштары айтылып жатат. Тарыхый даректерде бул жерде орус чебинен кол салган.
  8. Казак урууларынын ичинде султан аталышкан төрөлөр уламыш боюнча кадимки Чынгыз хандын тукуму болуп эсептелишет. Ошондуктан, Кененсарынын аталары Касым, Абылай хандардын төрө тукумунан болушкандыктан, аларды көп учурда казак эмес, калмак (монгол) деп аташкан.
  9. Санжар Кененсарынын агасы. Бул кыргызга жасалган чабуулдан мурун өлгөн Эржан Саржан султандын улуу. Ноорузбай Касымдын 1822-ж. туулган кенже уулу кыргызга каршы согушта атагы чыгып, колбашчы болуп таанылгын.
  10. Төрө тукумдары казактардын Үч жүзүндөгү урууларга кирбейт.
  11. Кененсары ушинтип орус бийлигине карап кетишкен казак урууларынын соода кербендерин талап тоноп каракчылык жасаткан.
  12. Мында: Чогуу, чакырып чогултуп.
  13. Кененсары 1845-жылы Таластагы Кыргыз урууларына кол салып, кырман бастырып жаткан жеринен, Бүргө баатырдын уулу Калчаны колго түшүрүп алып, Кыргыздарга жамандык жасабайм деп, кыргыз башчыларына кайрылуусу тарыхый даректерде да кезигет.
  14. Таластагы Кушчу уруусунун башчысы Бүргө бул айтылган кыргыз-казак согушунан бир аз илгери (XIX к. Башы) жашаган.
  15. Бул окуя 1845-жылы жаз айларында болгон.
  16. Мында: Тилмеч деген мааниде.
  17. Кененсары чечендеринин бири. Казактар кол салаардан бир аз мурун бул жактагы кыргыз урууларынын арасына келип кыдырып, аларды сынап кайткан.
  18. Төрөлөрдүн алдында кызмат кылышкан адамдар.
  19. Ормон хандын иниси Ниязбек бийдин байбичесинен сегиз уул, булар «Ниязбектин сегиз бек» атагын алышка.

Экинчи аялынан да сегиз уул болуп, булар Стам уулдун атында. Үчүнчү аялы казак, Түлкү ошол аялынан туулган.

Ниязбектен баары 17 уул болуп, фольклордук маалыматтарда Түлкү түндүк кыргыздарынын ичинен алгачкылардан, 1873–75-жылдары  Меккеге, ажылыкка барып келген.

  1. Солто уруусундагы Бөлөкбайдын (каракчы) Жети кашка тукумунан чыккан баатыр.
  2. Сөз чекир саякка караштуу кулжыгач уругунан чыккан Айт уулу Түлкү жөнүндө болуп жатат. Автор адашып, аны Качыке уулу деп берип салган. Тескерисинче, Качыке Түлкүнүн уулу.

Ал Ормон хандын үчүнчү атасы Болот жана төртүнчү атасы Маматкул бийдин тушунда  жашаган инсан.  Ошондуктан бул согушка катышмак эмес.

  1. Казактардын Улуу жүзүнөн чыккан баатырлардын бири.
  2. Мында: чоң атаң Абылай деген мааниде. Анын кыргыздарга каршы уюштурган бир нече жолку чабуулу тарыхта калган.
  3. Бул жерде берилип жаткан Барак султан (Санбарак) менен Бердикожо чындыгында Абылай-хандын чабуулдарында эмес, б.а. андан мурунку жана кийинки убактарда жортуул жасашкан.
  4. Арзымат уулу. XVIII к. Экинчи жарымында каба саяк урууларына  тийиштүү түнкатар уругун башкарган баатыр. Уламыштарда «хан Садыр» деп да аталат. Абылай-ханга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн.
  5. Казак урууларынын жалпы урааны «Алач» (алаш) болгон. «Алты хан алач» жалпы казак деген  мааниге ээ.
  6. Улуу жүз казактарынын ботбай  уруусунун  бийи. Аны Кененсары өзүнө күч менен  кошкон. Бул согушта  Ормон-хан менен келишим кылып, кыргыздарга ооп кеткен.
  7. Тоонун аты. Кыргызстан менен Казакстандын ортолорунанорун  алган.
  8. Мында: кеңеш, жыйын, акылдашуу деген мааниде.
  9. Жангарач Эшкожо уулу (1801/1802-1864). Солто уруусуна караштуу талкан уругунан. Чүй өрөөнүнүн батыш жагы менен Таластагы солтолорду бийлеген манап. Бул согуштагы белгилүү баатырлардын бири.
  10. Мында сөз солто уруусундагы инсан жөнүндө жүрүп жатат.

Мүмкүн Тынаалы  болушу ыктымал.

  1. Боромбай Бекмурат (Меңмурат) уулу ( туулган жылы белгисиз- 1858-жылы өлгөн). Бугу уруусунун бийи. Ормон-хандын кудасы. Кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп, өз уруусун Россия империясына  өткөргөн.
  2. Балбай Эшкожо уулу (болжол менен 1812-жылы туулуп,1867-жылы күзгө жуук Верный (Алматы) чебинде камакта жатып өлгөн.) Бугу  уруусунан  чыккан  баатыр.
  3. XIX к. Орто чендеринде бугу  уруусунун  ичиндеги кыдыктардын Каракөйнөк тукумунан  чыккан бий.

Кээде «Каракөйнөк Канай» деп да  аталат.

  1. Байтүгөл уулу Медет. Саяк уруусундагы курманкожо уругун башкарган бий. Кокон ханынан «датка» деген наам алган. Болжол менен 1839-жылы өлгөн. Ошондуктан бул согушка  катыша алмак эмес.
  2. Ажыбек баатыр Токтобай уулу. XIX к. Биринчи жарымында черик  урууларын башкарган, өзү байчубак чериктердин Карагулуулу уруусунан чыккан  инсан.
  3. Черик уруусунун башкаруучуларынын  бири.
  4. Жантай Карабек уулу (1794-1867). Сарыбагыштын тынайуругун башкарган  атактуу манап. Бул согуштун көрүнүктүү  ишмерлеринин бири. Кенесарыны  жеңгенден  кийин Ормон-хан ж.б. орус өкмөтүнөн алтын медал ж.б.  сыйлыктарды алган.
  5. Төрөкелди Абайылда уулу (1807–1868/70). Сарыбагыштын черикчи уруусунан чыккан атактуу  баатыр. Ормон-хандын аскер башчысы болгон.
  6. Алыбек Кетирекей уулу. Саяктын алакөз уругунан Ормон хандын белгилүү жигитинин бири болуп, кийин ага таарынып, бугу уруусунан кетип, Ормон хандын куну куулган согуштардын биринде колго түшүп, өлтүрүлгөн.
  7. Саяк уруусунун баатыры. Башка маалыматтарда кезикпейт.
  8. Өмүр Чурум уулу. Бугу уруусундагы белек уругундагы баатыр. Ал өзгөчө бугу-сарыбагыш чабышында белгилүү болгон.
  9. Адыл Субан уулу. Ормон-хандын агасынын баласы. Атактуу баатыр. Эл башкарган манап болуп, бул согушка активдүү катышкан. 1860-ж. аны орус бийлиги туткунга алган. Верныйда өлгөн.
  10. Бул жердеги сөз сарбагыштын тынай уругунан чыккан Түлөөберди жөнүндө болуп жатат. Түлөөкабыл менен Калпак бир тууган, Жообасардын Стамбек деген уулунун балдары Ормонбек менен Субанбек Атакенин Таштамбегинин балдары. Таштанбекти Атакенин бир тууганы Жообасар багып чоңойткон, ошондуктан булар бир айыл болушкан. Кененсары эң биринчи ушулардын айылын чапкан.
  11. Тынаалы Чыны уулу. Солтого караштуу талкан уругунун белгилүү манабы. Чыны болсо Түлөберди баатырдын баласы болгон.
  12. Солто уруусунун төкөлдөш уругунан чыккан баатыр.
  13. Солтолордун жети кашка уругунан. Жаманкара баатырдын атасы-Чоткаранын бир тууганы.
  14. Ажыбек Алчикен уулу, Таластагы саруулардын алакчын уругунан.

Айрым бир кабарларда Кокон бийлиги  тарабынан 1839-жылдары өлтүрүлгөн.  Мындан башка, кийинки айрым  маалыматтарда Ажыбектин ысымын алып, Кокон хандарына тайке болуп  жүргөн. Асперди Чот уулу жөнүндө да  такталбаган көз караштар бар. Бирок, бул ысымдуу инсандар  Кененсары султандын чабуулу  убагында сарууларды башкарган эмес.

  1. Бул жердеги сөз черик уруусунун башкаруучусу Ажыбек Токтобай жөнүндө жүрүп жатат.
  2. «Жайыл кыргыны» аталган Абылай-хандын кыргыздарга жасаган чабуулда уулу Доскулу экөө казактардын колуна түшүп өлтүрүлгөн.
  3. Эсенкул Болот уулу , Ормон хандын чоң атасы. Оозеки кабарларда 1720–1725-жылдары 73 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Кыргыздар Анжияндан (Ысар-Колоп) кайтып келээрде Түндүк Кыргызстанды калмактардын калдыктарынан бошотууга активдүү катышкан жана кыргыздар  менен  казак  урууларынын ортосундагы чек араларды  аныктоодо  чоң роль ойногон. Казактардын-Барак султан, Абылай хан, Бердиккожо баатырлар уюштурган чабуулдардын мизин кайтарууда  кыргыз колун жетектеген. Чоң атасы Мааматкул бий, өз атасы Болот-бийдин көзү  өткөндөн кийин оң-солдорду башкарган. Турпаты зор болуп, эл башында турганына байланыштуу «Чоң баатыр», «Чоңдугу Эсенкулдай» деген  сөз калган. Эсенкул баатырдын сөөгү Токмокко коюлган.
  4. Тоймат уулу Жанболот. Уругу чекир саяктын ичиндеги чоро. Тайлак баатырдын чоң атасы. 1789-ж. кытай бийлиги аны камакка алган. Бошогондон көп узабай каза болгон.
  5. Берди кожонун чабуулу 1785–1786-жылдары болуп, ал дагы жогорудагы Эсенкул баатыр тарабынан колго түшүрүлүп өлтүрүлгөн.
  6. Султан Барактын (Санбарак деп да аталат) кыргыздарга кол салышы 1750-ж. март айына чейин болгону соңку кездерде кайрадан талкууланып жатат (караңыз; Турганбаев. Э. Из истории проблемы исследования казахско-кыргызских взаимоотношений XVIII века./Отан тарыхы.-№3,-2006,-С.73-77).
  7. Кочкората мазары-санжыра маалыматтарында султан Барак (Санбарак) баштаган казак кошууну Эсенкул баатыр башында турган кыргыздардын уруш кылган жери. Бул салгылашуу азыркы Кыргызстандагы Кочкор өрөөнүндө болгондой түшүнүк калыптанып калган. Бирок, кийинки, жаңы изилдөөлөрдө бул жер Казакстандагы Чимкент шаарынын чыгыш тарабындагы Боролдой тоолорунда жайгашкан Кочкората мазарына жакын жерлерде болушу мүмкүн экени далилденип жатат (караңыз: Турганбаев Э., Махаева А.Ш. XVII к. экинчи жарымы мезгилиндеги кыргыз -казак мамилелеринин изилдениш проблемалары. «Жайыл баатыр: тарых, учур жана келечек» Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары. – Б., 2006. – 77–95-беттер).
  8. Белек – кыргыз санжырасында легендага айланган Алсейит менен Бугу эненин небереси Жамангулдун уулу. Оозеки маалыматтарды салыштырууда ал Мааматкул, Тынай, Айт уулу Түлкүлөргө замандаш болгон.
  9. Эсенкул баатыр Барак султандын колун талкалаганда колго түшкөн казак баатыры. Азыркы күндө Кочкор өрөөнүндө «Айтактын Чабы» деген географиялык аталыш бар.
  10. Кочкор кыштагынын мурунку аталышы.
  11. Канышбек кыз жөнүндө легенданын башка варианттары да бар. Ал эми  Абылай-хандын Ысык-Көлгө чейин жеткендиги далилдене  элек. Тарых барактарында Абылай-хан Таласта жайгашкан урууларга кол салган. Ошондуктан, бул жерде автор тарабынан фольклордук  башка маалыматтар кошулуп кеткенин эскертебиз.
  12. Сөз Кененсары жөнүндө, же анын теги Чынгыз-хан экени белгиленип жатат.
  13. Кененсары өзүнө кошулбаган казактарды да талап – тоноптурган.
  14. Азыркы маалыматтар боюнча Абылай хан 1780-ж. кыргыздарга жортуул жасап, кайтып баратып, Түркстанга жакын жерден каза болот.
  15. Фольклордо Тайлак баатырды чабамын деп, Талас аркылууСуусамырды ашып, Тайлактан жеңилип каза болот.
  16. Тайлак баатыр Ырыскул уулу (1800-ж. чен – 1839-ж.), саяк уруусундагы чоро тукумунан. Агасы Атантай менен бирдикте Кокон хандыгынын эзүүсүнө жана Цин империясынын баскынчылык саясатына каршы элдик көтөрүлүштөрдүн башында турган. Кокон бийлиги тарабынан ууланып өлтүрүлгөн. Сөөгү Акталаанын Куртка айылына коюлган.
  17. Талас менен Cуусамырды туташтырып турган ашуу.
  18. Эраалы Качыке уулу. XIX к. баш чендеринде жашаган.
  19. Сөз Токтобай уулу Ажыбек жөнүндө болуп жатат.
  20. Ажыбек баатыр аталаш иниси Турдукенин кызын Ормонхандын Чаргын деген уулуна берген. Булардын аталары Токтобай менен Тоймат бир тууган. Ногойдун балдары. Чаргын Турдукенин кызын алып, балалуу болгондо атын Черикбай коёт. Булардын тукуму азыркыга чейин бар (Черикбай уулу Ыбыш 1977-ж. 90 жашында кайтыш болгон).
  21. Жаманкаранын атасы Чоткара менен Самактын атасы Арбос бир тууган. Ал Курпук баатыр менен бирге Жаманкаранын кунун куушуп, Шоорукту өлтүрүүгө катышкан.
  22. Согуш, уруш, тополоң.
  23. Кененсарынын кыргыздарга жасаган 1847-ж.жортуулу.
  24. Эң эле толуп, жеткен чеги. Төгүлөп, бышып турган кез.
  25. Кененсарынын уулу.
  26. Жоокер, эр азаматтардын жоого кийген кийими.
  27. Жоого кийе турган жоокерлердин найза ж.б. куралдардан сактануу үчүн төшүнө кийген жоо кийими.
  28. Колго кийе турган жоо кийими.
  29. Фольклордук маалыматтарда Андаш-баатыр, Супатай бий, Байзак-даткалар кыргыздар менен алкада болушуп, бул согушта Ормон-ханга байланыш жасашып, Кененсарыга билгизбей согуш талаасынан чыгып кетишкен кабар бар.
  30. Солто уруусундагы чоң урук.
  31. Эшкожо, Канай Түлөбердинин балдары. XVIII к. аягы – XIXк. башында солто уруусунан бийлешкен атактуу бийлер. Кененсарынын булардын күмбөзүн талкалаганы тууралуу факт катары айрым окумуштуулардын эмгектеринде кездешет.
  32. Бөлөкбай (Каракчы) солто уруусунун дагы бир чоң уругу.
  33. Ормон-хан Ысык-Көлдүн күңгөйүн келгиче Чүйдөгү солто, сарбагыш урулары Кененсарынын аскерин эки күн токтотуп турганын архивдик маалыматтарда да тастыктайт.
  34. Т.Абдракунов ж.б. изилдөөлөрүндө бул аргымактар түркмөндөрдөгү Теке жана Йомуд урууларынан чыккан. Азыркы мезгилдеги Ахал-Теке тукумундагы күлүктөр сыяктуу эле асыл-тукум болуп эсептелишет. Бул согушта Ноорузбайдын минген аты «Кызылооз» деген күлүк болгон. Аны Меркенин беги Кененсарыга тартууга берсе, ал иниси Ноорузбайга ыйгарган.
  35. 1847-ж. Кененсары кыргыздарга чабуул баштаганда Ормонхан Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Байсоорунду (Ананьева) мекендеп турган. Ага кабар жеткенден кийин аскер жыйып, Чүй бооруна согуштун үчүнчү күнү келгендигин архивдик документтер күбөлөйт.
  36. Сардал-баатыр, кыйын деген мааниде.
  37. Калыгул Бай уулу, кыргыз элинин даанышман ойчулу. Ормон хан менен төрт ата өтүшкөн тууган жана анын акылман, кеңешчиси болгон.
  38. Куттуксейиттин уулу. Куттуксейит Ормон-хандын атасы Ниязбек менен бир тууган. Шамен сөзгө чебер, чечен киши болгондуктан, кийин Ормон-хандын өлүмүнө байланыштуу бугу менен сарбагыштардын сүйлөшүүлөрүнө сарбагыштын башкы өкүлү болуп катышкан. Кочкор өрөөнүнө арык тартып, азыр ал «Шаменаалы» деп аталат. Кээде ал «Куукулак Шамен» деген ылакап ат менен да белгилүү.
  39. Эсенкул баатырдын Назар деген баласынын уулу. Ормон ханга жакын тууган болгондуктан, жигиттери менен аттанып барып, Ормон хан өлүмүнө себепчи болгондордун бири Алыбек Кетирекей уулун байлап, Үмөтаалынын алдына алып келгени санжыраларда айтылып келет.
  40. Ормон-хандын уулдары. Кусубалды деген байбичесине туулушкан. Чаргындын чын аты Осмонаалы, бала кезинде эркелетип Чаргын деп коюшкан.
  41. Монолдор уруусунун бийи, Ормон хан менен чогуу жүргөн.
  42. Бул жерде автор жаңылып жатат. Анткени, Жантай Ормон хан келгенге чейин эле солто уруусунун бийи Жангарач менен бирдикте Кененсарыга каршы согушуп жатышкан кыргыздарга жетекчилик кылышкан.
  43. Атактуу манасчы Сагымбайдын атасы. Ормон хандын сурнайчысы болгон.
  44. Мыктысы, тыңы, кыйыны.
  45. Согуш мезгилиндеги аскер кошуундарынын түн киргенде, белгилүү санда бөлүнүп алышып, азыктануу үчүн жагышкан оттору.
  46. Айла, амал деген мааниде.
  47. Курч, өткүр деген мааниде.
  48. Фольклордук кабарларда Кененсары ханды сарбагыш уруусунан Калча деген жигит бир туугандары менен туткундагандыгы айтылат. Бул факт архивдик документтер менен далилденет. Кененсарыны туткундаганы үчүн Калча алтын медаль алган.
  49. Сарбагыш уруусунун майда уруктары. Бул жерде «чечей уругунун адамдары» деген мааниде айтылып жатат.

Түзгөн жана түшүндүрмө берген  Жолдошев Рыскул

 

ТУРГАНБАЙ КЫЛЫЧБЕК

ТЕКЕС, КӨКТЕРЕК КЫРГЫЗДАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Жаратылыш жагдайы

Көктерек, Текес ойдуңунун түштүк жагында, Теңир тоонун түн жүрүшүндөгү кооз, терең тескей капчыгайга жайгашкан. Төр башы мөңгүгө тирелет. Көктерек дарыясы Көк өзөн, Ак өзөн, Буурул – үч салаадагы агын суудан куралып, Көктерек капчыгайын бойлоп агып, Текес дарыясына куюлат. Суусу тунук, шар агат. Эки жээги көккө бой созгон чынарлар менен көктөлүп турат. Кооперациялашуудан мурда өрдөштүн оозунан куйганга чейин Көктерек ичи теректүү токой эле. Эл отурукташып, мал-жан көбөйүп, токой суюлуп кеткен.

Көктеректе Куумамы, Арчалуу, Көкөзөн, Алайгыр, Сайкал, Актам, Акөзөн, Буурул, Чуңкур төр, Тик кыя, Көк секи деген атактуу жайлоолору бар. Оюнда Ачылтүбек, Моюнтай, Чагансай, Кошдөбө, Марал таш, КетменТөбө, Акжар, Сарыкобу, Чыңбулак катарлуу жайыттуу, эгиндүү жерлер бар.

Карагай, кайың, терек, арча, тоо арасын кулпунтуп турат. Тоо жемиштерден карагат, долоно, моюн; чөп түркүмүндөгүлөрдөн: бүлдүргөн, кожогат; жашылча түркүмүндөгүлөрдөн ышкын; согон, козу кулак, ташпияз, көбүргөн, кымыздык, жөргөмүш, текей, жоогазын, төө таман, (байчечек) катарлуулар бар. Алма, өрүк бышат. Буудай, арпа, зыгыр, кычы, таруу катарлуу аштыктын бардык түрү өсөт. Бүркүт, ителги, лаачын, өңдүү алгыр куштардан тартып, үй куштарына чейин жолуктурууга болот. Бугу, марал, аркар, кулжа, эчки-теке, элик катарлуу кийиктер зооканы бербейт. Бирок жыл сайын суюлуп баратат. Илгери ал кезде Тик кыянын сазында чаңырып жаткан жолборстун үнүнөн Көксекидеги жылкы үркчү экен деген сөздөрдү уктум. Бирок мен эс тартканы бул чөйрөдөн жолборс көрдүк дегенди укканым жок.

Малдын бардык түрүнөн бар, топоз гана жок. Эшек, төө өтө аз болот. Зорлоп бактырып, өнүкпөгөндө коюшту. Жердин салкын, жаан-чачындуу болушунан болсо керек. Жалпы жаратылыш ушундай.

Эл абалы

Көктеректе мурундан тартып кыргыздар жашап келген. Казак, уйгур, хуйзу (дунгандар), ханзулар (кытай) да бар. Көп улуттуу айыл болуп калды.

Көктеректе негизинен бугу кыргыздары жашайт. Анын ичинде төрт ата меңмурат орчундуу орунду ээлейт. Меңмураттын байбото, кирке, саске, боромбай (манап) төрт баласы азыр төрт уруу эл болуп кыз алышат. Андыктан жогорку аттар уруу аты болуп кетет. Булардан сырт сарбагыш, кыпчак, жедигер, адигине, асык, черик, солто, саяк уруулары жашайт. Баары эт азыктуу, ачкылкор, кочкул кандуу келет.

Көктеректи кыргыз кандай мекендеп калгандыгы жөнүндө карыялардан көп сурадым. Алар Иле Текес байыркы заманда кыргыз жергеси болгон. Бизди ошолордун урпагы дешет. Айрымдары кийинки мекен алган кезинен эле айтып, мурунку тарыхын унутуп калган. Бул тууралуу 1980-жылы 77 жаштагы Токторбай абышканын айткан дарек санжырасы. Токторбай Жумабек уулу тынымсейит кыргызы. Майда уруусу кызылтаз ичинде кутуке уулу. 1904-жылы туулуп, 1991-жылы октябрда каза болгон. Ал киши сөзүн мындай баштады:

«Мен быйыл 77 жашка кирдим. 22–23 жаштагы кезимде Акунбек сопу (Саске уулу) 80 жаштагы киши экен. Ошол киши өз оозу менен мындай бир тарыхты айтып берген. Мен кырктын ичиндеги кезимде Көктеректи меңмурат, Чолоктеректи салмаке, Көксуу, Каражонду алыбай, бирназар, Үчкуштайды саяк (Кангелди деген болушу бар), Жыргалаң, Тогуз-Торону майда белек (такабай, токоч, алдаяр) катарлуу уруулар мекендеген. Бүгүн Текес, Иле бети Жылдызга чейин кыргыздын жери эле. Жылдыз негизги кыштоосу болчу.

Бир күнү абам Күчүк (Зарыпбек Султандын баласы, Сасыке уулу) мени чакырып алып мындай деди. «Жакында элүү кашкарлык күндүк акысына бир жамбы алып кытай падышасынын элчисин жибак замбилге салып (мапе) Сүйдүңкүрөөгө көтөрүп келди. Сен барып жолугуп кел, чек ара бөлүнөт. Эл баштагыдай ары-бери көчүп өтө бербейт. Тосулат — дейт. Биз кытай падышасына караган бойдон эл болуп калсак», — деди. Мен Ысмайыл деген (асык уруусу) кишини ээрчитип, жолго чыктым. Жүрөрдө Күчүк абам: «жолдо Чыныбайга жолукпай өт, ал орус падышасына карайбыз дептир», — деди. Биз Сүйдүңкүрөөгө барып эки күн тосуп жаттык. Бейжинден келген улукка жолуктук. Этеги жырык бүчүмөлүү узун чапан кийген, арык чырай, аппак, келте мурун, кой көз жаш кытай экен. Бизге ак чайнектен чай куюп сунду. Анан «мусулмансыңарбы» деп сурады. Биз мусулман экенибизди, өз жерибизден козголбой падышага эл болуп калсак деген талабыбызды айттык. Улук «жакшы, келер жылы ушул маалда чек ара айрылат (андан мурун чек араны билчү эмесмин, Ысык-Көлгө барып келе берчүбүз), ошондо келгиле. Эл болушуңарды каршы алабыз», – деди. Курубузга бир кадак мамили чай түйүп берип жолго салды. Келер жылы ошол маалда келсек чек ара Нарын кол болуп ажырап бүтүптүр. Албан (казак, улуу жүз) бугуну Нарынколдон ары (Күн батыш тарап) отурат деп токтом кылыптыр. Боромбай Качыбекти жиберип, орус падышасына кол берип эл болобуз деп анда 25 жыл мурун бүтүшкөн экен. Ошол себептүү элди тегиз көчүрдү. Иле бетиндеги кыргыз Нарынколдон ары өтүп, Ысык-Көл боюна түшүп кеттик. Ошондо өз жеринен айрылган эл:

Каптан таруу кетпеген,

Капсалаң сени кантейин,

Үч күндө малын бир көргөн, Үчкуштай сени кантейин. Чолок терек, Көк терек, Айтып какшап не керек. Кырма кызыл челегиң, Кыйын эле керегиң.

Ийнимдеги бараным,

Айланайын кең Текес,

Амалсыз кетип баратып,

Айланып сага карадым,–деп зар чыгарган экен. Ал ырлар азыр да айтылат. Ошондо кеткен эл кийин тоо жамынып, качып-бозуп бириндеп кайта келе баштады да, куралып жыйналып ушунчалык эл болду, деп Акынбек сопу айткан. Өз оозунан уккамын. Мен 1904-жылы Көктерекке келип, эки айдан кийин туулган экенмин. Акынбек сопу айткан ишке азыр жүз жылдан аша убакыт болот. 1880-жылдарга туура келет, Иле бетинен кыргыз ошол жылдар көчүрүлгөн.

Токторбай атам Көктерек жөнүндө сөзүн улап мындай деди: «Биздин тынымсейит (кызыл таз, чабалдай, беш бала) катарлуу майда уруулар Текеске келгениңе быйыл 77 жыл болду (80-жыл) Чабалдай Баятун деген болуш менен мансап талашып, саа суратпаймын деп Иманбек атабыз баштап келген экен. Ал кезде Текести жана мурун кыргыз мекендеген жерлерди тарбагатайдан көчүп келген зай (казак уруусу) мекендеп алган экен. Биздин тынымсейиттен мурда сасыке уулу Токтосун (Зарыпбек Султандын урпагы) алды менен келип, бир канча түтүн өзүнчө айыл болуп, калмак болушуна багынып, жер алалбай көчүпконуп жүрүптүр. Биздин эл Көктеректе тура албай Кара талаага көчүп кетиптир. Мен 20 жашка келгенде анан Көктерекке көчүп келдик. Кыргыз ошондо миң түтүн болуп бир түтүн бир жыл апийим куюп, Сүйдүңкүрөдөгү улукка арыз айтып апийимдин күчү менен бир жыл мурун Көктеректи кызайлардан алган экен.

Көктеректи кыргызга берүүнү улук чечим кылса да кызайлар көчө элек экен. Түлөберди (Кирке уулу) элүү жашында Аксыдан көчүп келип чачырап жүргөн кыргыздарды териштирип, миң түтүнгө жеткизип, Көктеректи жаңы алган экен. Биз көчүп келгенден кийин Түлөбердинин айлына жакын отуруп калдык. Түлөберди кызайларды толук көчүрүү үчүн Рыскулбек менен Токтакун экөөнү кырк жыл апийим берип, Сүйдүңкүрөөгө жиберди. Алар бат эле кайтып келишти. Сүйдүңкүрөөдөгү улук азыркы моңгул Күрөөнүн Шаты деген жеринде чек ара карап турган Мадаринге (Ма улукка), 20 солдат жиберип, кызайларды көчүрүү туурасында кагаз бериптир. Кагаз колуна тийгенден кийин кубанып Рыскулбек Түлөбердинин кара кулак аны менен Сүйдүңкүрөдөн ошол күнү Көктерекке жете келиптир. Түлөберди кагазды көтөрүп эле «Оо, кудай баабедин, элге конуш болсо экен» деп ооз ачып, зоор ичип Абилездин Калчасын жанына ээрчитип ошол эле кара кулак аты менен Шатыга жүрүп кетти. Эртеси бешимде Мадарымдан кызыл кыйылуу тебетей кийген 20 черикти ээрчитип келди. Ал кезде эл жоош, чериктерди көрүп эле кызайлар Көксуу менен Акаязга көчтү. Көчпөгөнүн айдап көчүрдү. Муну билемин, аралашкамын. Түлөберди көчүп келгенде кыргызга Токтосун акалакчы (болуш) экен. Көктеректи алгандан кийин Түлөберди кыргызга мампаң (орунбасар болуп) болду. Эл сегиз заңгиге (айылдык өкүмөт) бөлүндү. Майда уруулар аралаш меңмурат, үч заңги. Алар Дөөлөтбек, боронбай, тынымсейит, саске айылына, Асанбек жедигер айылына Эстебес байбото айылына, Чигитек токой, коңурат, бирназар айылына, Моңкей арык тукуму айылына, Бекдайыр шапак жана аралаш айылына заңги болушту.

Токтосун алгачкы аз кыргызга Зарипбек султандын султандык тонун кийип акалакчы болгон экен. Мен жети жыл коюн бактым. Ал киши 1917-жылы 10-айда Көктеректин чочко токоюнда боз үй менен кыштап отурганда ооруп каза болду. Андан бир жыл мурун орус жеринен мунт чыкты деп качкындар үркүп келе баштаган болучу.

Токтосун өлгөндөн кийин анын ордуна Түлөберди акалакчы болду. Токтосундун баласы Кожомамбет мампаң болду. Илеге Жиншусы деген улук раис болгондо акалакчы мампаң, заңги деген мансаптарды көбөйтүп аны алтын, күмүшкө сатты. Заңгилик мансап он беш-жыйырма жамбы болду. Ошондо Кожомамбет Сүйдүңкүрөдөгү Жин раиске 1500 кой, он бээ, бир айгыр берип, Түлөбердини түшүрүп өзү акалакчы болду. Кереңкары деген сарт келип малын айдатып кетти. Бир-эки жыл өтпөй бүтүн кыргыз Кожомамбетти жегич, зулум, калыс эмес деп арыз берип жатып акалакчыдан түшүрдү. Бирок Кожомамбет 900 койду жашыруун дутуңга (анда мансап дутуңга өзгөргөн, Чиңдубандын кези болсо керек) берип, агасы Дөөлөтбекти акалакчы кылып койду. Ошол кезде орусту жактап, ошондон окуган кытайлар улук болуп калды. Дөөлөтбекти иш бүтүрбөйт деп түшүрүп, анын тууганы Айтмамбетти акалакчылыкка койду. Мен чабарманы болдум. Советти жактаган Чиңдубан (Чиңшысай)  бузулуп, Айтмамбетти Дайбыё  (өкүл) курултайына чакыртканда Айтмамбет менен келгенче иш жүргүзүп тур деп, Абдылдабекке (Боромбай манаптын небереси) тамгасын берип кетти. Абдылдабек он алты ай убактылуу акалакчы болду. Анык акалакчы болгон жок. Айтмамбет Үрүмчүдөн келип эле өлдү. Анын ордуна кутчу Осмонбайдын баласы Жумагул акалакчы болду. Бул кезде Чиңдубан жоголуп, «Пырхы» гомунден партиясы өкүмөтү деген чыккан. Анын окуусун окуп, пырхы[1] болуп келген Ысмайыл (өз аты Урумша, шапак уруусунан) Жумагулду түшүрүп, кызын аламын деп Сыдыкты (боор уруусу) акалакчы  койду.  Ысмайыл келгенде  анын  атасы катарындагы киши Алжамбай заңги аны үйүнө чакырып «баарыбыз бир шапактын баласы, баатыр уулу деген наамыбыз бар. Балам окуп чоң болуп келдиң, эми мендей атаңа бир тумар тагып кой» дегенде Ысмайыл «Ой, жарыктык карганда тумарды эмне кыласыз» деп силкип коёт. Ошондон Алжаңбай  «тукум болбой жерге кир, жогол үйүмдөн, жарыбай өт» деп каргайт. Ошондон кийин Ысмайыл оңбой калды. Азыр да бар. Жалгыз баш тентип жүрөт. Алжамбай касиеттүү киши эле. Каргышы Ысмайылды оңдурган жок.

Үч аймак көңтөрүшү болуп гоминдан өкүмөтү жоголду. Үч аймак өкүмөтү курулуп, Акматжан, Ысакбектердин аты чыкты. Ошол кезде Кайнам келип уруу Бараканды акалакчы кылып койду. Төрт-беш ай эл сурады. Кулжадан Көктеректеги кыргыздарды көрөмүн деп, Ысакбек генерал атайын келди. Эл аралап, куш салды. Бир канча күн жүрүп абалды угуп «урууларды болуштукка чыгарыш үчүн ыңкылап кылып жатканыбыз жок», деп Бараканды түшүрүп Сыдыкты кайта койду.

1950-жылы азат болдук. Компартия өкүмөт курду.

Көктерек бир район (село даражалуу) болду. Мен айыл белсемдүүлөрү катарында болдум. 1954-жылы улуттук саясат жүргүзүлүп, Көктерек кыргыз муктариат район болуп курулуп Текес ооданындагы улуттук айылдардын бири болуп калды. Асанбай район башчысы (Чүйжаң) болду. Андан кийин башка жерден келген Аруун деген киши аз күн башчы болду. Кийинки бир жолку шайламда Түлөберди акалакчынын баласы Ыйса район башчысы болду.

Коммуна курулгандан кийин Кожомамбет акалакчынын баласы Сокен шежаң (баш тейлөөчү) болду. Андан кийин кезек биздин тынымсейитке тийип Турсунбай жыйырма жыл коммуна башчысы, секретарь болду.

Чыңдубан такка чыкканда советти жактаган. Ошондо советтен качып келген Сарыбайдын баласы Саадатбек мектеп курган. Муктариат болгондон кийин жети жылдык толуксуз орто курулуп, андан окугандардын баары азыр кадр. Азыр толук орто курулду.

Көктерек байыртан эле кыргыздын жери, Падыша өкүмөттөрдүн кагылышынан эл утурумдук ары-бери ооп турса да өз жергесин таштаган эмес. Андан мурун, илгери кайдан келгенин билбейм. Бала кезибизде кыргыз уларкы заманда токойлуу, кийиктүү салкын жерде жашачу экен. Жоодон үркүп ошол өрөөнгө келгенде мурунку жерибизге окшойт экен, айланайын улуу тоо деп атап сыйынып калган деген сөздөрдү уккамын. Көктеректин мен билген тарыхы ушул», — деп бүтүргөн сөзүн Токторбай атам.

Көктерек Теңир тоонун бир чакан капчыгайы болсо да анда жашаган кыргыздардан көптөгөн коомдук саясый ишмерлер жетилип чыкты. Маркум Амантур (Алыбай уруусу) Көктеректен болуп, коомдук ишмер гана эмес, акын-жазуучу эле. Автоном райондун көрүнүктүү башчыларынын бири эле. Шаршебек Сыдык (меңмурат, кирке уруусунан) Көктеректен болуп азыр автоном райондун демалышка чыккан башчыларынын бири. Элге, кыргызга зор эмгеги сиңип, көч баштаган аксакал.

Менин учкан уям Көктерек мына ушундай кутмандуу жер.

[1] Пырхы — гоминдан партиясынын мүчөсү.

 

БӨӨМБАЕВ НАСИРДИН

ЖАНА АНЫН САНЖЫРАСЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда № 808 шифр менен элибиздин баа жеткис тарыхый жана маданий мурастарынын бири катары Бөөмбаев Насирдинден калган кол жазма сакталып турат. Кол жазманы Илимдер академиясына 1990-жылы Насирдиндин уулу Мукамбет тапшырган. Бирок, аталган кол жазма Мукамбет атага, андан академияга түшкөнгө чейинки тарыхы тууралуу да азыноолак кеп сала кетели. Анткени, автордун көзү өткөндөн кийин кол жазма анын жубайы Бөжөй апанын колунда калып, кантсе да бизге анын бүйрөлүгүнөн жеткендей.

1937-жылы өмүрлүк жолдошунан ажыраган Бөжөй апа, кол жазманы көздүн карегиндей сактап, кишиге көргөзбөй, сандыкка салып, катып жүрүптүр. Ал тургай өз балдарына да карматпагандыгы айтылат. Бир чети замандан кооптонсо, экинчиден эрден эрте калып, үй-бүлөнүн түйшүгүн жеке өзү тартканына карабастан, кол жазма баалуу эстелик экендигин жакшы түшүнгөн. Ошентип кол жазма өзүнүн купуя сырын катып, сандыкта бир топ жыл жатып, алгачкы жолу 1953–54-жылдары изилдөөчүлөрдүн көзүнө чалдыккан. Ушул жылдары кыргыз элинин этногенезин (келип чыгышы, теги) изилдөө багытында СССР Илимдер академиясы тарабынан комплекстүү археологиялык-этнографиялык экспедициясы уюшулган. Анын Түндүк Кыргызстан боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган С. М. Абрамзон биринчи жолу ушул кол жазманы пайдаланган. Ал өзүнүн «Түндүк Кыргызстандын кыргыз калкынын этникалык курамы» деген изилдөөсүндө эң маанилүү маалыматтарды берген санжыра айтуучу билермандардын катарына кол жазманын авторун көргөзүп: «Боомбаев Насретдин (умер в 1937 г. в возрасте 46 лет, учитель: запись сделана по рукописи), племя сары багыш, жил в с. Карал-Дёбё Кеминского района» деген[1] кыскача маалымат берген. Демек экспедиция мезгилинде С.М. Абрамзон Насирдин молдонун колжазмадептери жөнүндө угуп, аны кыязы Бөжөй апанын колунан көргөн жана өзүнө керектүү маалыматтарды алган. Кол жазманы Илимдер академиясына тапшыруу жөнүндө сөз ошондо болушу мүмкүн. Бирок Бөжөй апа аны эч кимге ыраа көрбөсө керек. Ал тургай кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Аалы Токомбаев сураганда берген эмес экен. Көзү өткөнчө кол жазманы бекем сактап, кийин аны уулу Мукамбетке калтырган.

Мукамбет карыя араб жазуусун окуй албаса да, кол жазмага өтө аяр мамиле кылган. Болгону өзүнө ишениктүү, эскиче кат тааныган киши болсо дептерин окутуп, айрым бөлүктөрүн көчүртүп алган. Көчүрмөнүн кыскартылган нускасы менен ал киши 1990-жылы күзүндө Ысык-Көлдүн Шалба айылында өткөрүлгөн санжыра айтуучулардын биринчи жыйынына катышып, татыктуу орундардын бирин ээлеген. Баарыдан да Мукамбет карыянын кол жазманын түп нускасын Илимдер академиясына өткөрүп бериши эң туура чечим болгон, башкача айтканда кол жазма тарыхый мурас катары өз ордуна ээ болду.

Эскерте турган бир нерсе – бул санжыранын кээ бир үзүндүлөрүн Нурдин Ысмайыл уулу «Көк-Ойроктой көркөм жер барбы: Карал дөбө, Кайыңды айылынын санжырасы» деген китебине пайдаланган. Китеп 2006-ж., Бишкек ш. жарык көргөн.

Кол жазманын жана тарыхты билүүнүн мааниси

Абалтадан бери эле кыргызда жети атасын билүү парз болуп келген. Жети атаны билүү тарыхты билүүнүн башаты. Элибиз өткөн тарыхын бири-бирине оозеки айтып, кийинки муундарга ушинтип калтырып келген эмеспи. Ушундай салтты биринчилерден болуп, молдо Осмонаалы Сыдык уулу оозеки эмес, кагаз бетине түшүргөн жана аны бастырып, китеп катары чыгаруу менен элге жеткиргиси келген. Тарыхты билүү өнөрүнүн мүмкүнчү лүктөрүн терең баалаган Осмонаалы Сыдык уулу ошондо эле «жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарых билүү керек жана ал тарых абдан бир эске ала турган илим», – деп жазат. Кыргызда ушул чыйырга жол салган Осмонаалы молдодон кийин атын атай турган адамдардын катарында Белек Солтоноев менен бирге Бөөмбаев Насирдин жана анын кол жазмасын айтууга болот. Ошондуктан Бөөмбаев да учурунда кыргыздын «жүрөгүндө оту бар» жигиттеринен болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал кезде азыркыдай маалымат алуунун арбын каражаттары болбосо да, Насирдин молдо эл оозунан жазып алган санжыралардан сырткары мугалимдик кесибине байланыштуу изденип, көптөгөн китептерди окуп, дүйнөлүк тарыхтан да кабар алгандыгын баамдайбыз. Адамзаттын таралышы, эзелки Вавилон цивилизациясы, байыркы сак, түрк насилиндеги элдердин келип чыгышы, моңгол доору жана Чыңгыз хан тарыхы сыяктуу кол жазмадагы маалыматтар автордун көптөн кабардар экендигин айгинелейт. Алардын ичинен Насирдин молдо өзүнө чейин жарык көргөн тарыхчылар Абулгази Бахадур хан жана Осмонаалы Сыдык уулунун эмгектерине таасирленгендиги, ал тургай айрым маалыматтарды пайдалангандыгы да көрү нөт. Башкы көч кайда барса, кийинки көч ошону ээрчийт дегендей, Насирдин Бөөмбаев аталган тарыхчыларга теңелүүгө аракеттенип, элинин өткөндөгүсүн өз алдынча жазууга бел байлаган. Аны Осмоналы Сыдык уулунда эскерилбеген же айтылбаган автордун кол жазмасындагы бир катар маалыматтар көрсөтүп турат. Айталы, мурда санжыранын башка варианттарында аз көңүл бурулган жантай, таздар, абыла, сабыр, чагалдак, өзүк, молой, чечей, тынымсейит сыяктуу жана башка уруктардын генеалогиялык санжыралары жөнүндө кеңирирээк маалыматтарды табабыз. Андан да манапчылык доордун башталышы, өзгөчө Ормон хан жана анын заманындагы кыргыз уруу-уруктарынын өз ара мамилелери, тышкы жоого каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтар камтылганы кызыктуу. Ушул окуялардын өңүтүндө кол жазманын автору кыргызкалмак мамилелерин өзүнүн ата-бабаларынын башынан кечирген окуялар аркылуу баяндап берүүгө аракет жасаган. Ал окурмандарды кайдигер калтырбайт. Дегенибиз, Дайырбек тукумдары болгон жантай уругунун бир нече үй-бүлөсү, бир канча муун өткөндөн кийин гана калмактын туткунунан бошонуп, эл-жер, ата-журтун издеп, таап келиши ошол учурдагы кыргыз калкы үчүн олуттуу маанидеги окуя болгон.

Болбосо тарых көрсөткөндөй, калмактардын карамагында жүрүп, ал хандык кулагандан кийин, 1757-жылы Сибирдин Колыван тилкесиндеги орус бийлигине букаралыкка өткөндүгүнө карабастан, башка элдерге дайынсыз сиңип кеткен 40 түтүн (жалпы саны 220 жан)[2] Ала-Тоолук кыргыздардын кейпин кийип калышы мүмкүн эле. Бул кол жазмада мурда бизге учурай элек оригиналдуу маалыматтар менен камтылганы жана Насирдин молдонун тарыхы, тарыхты жазуунун улуттук маданиятынын башатында тура турган эмгектердин бири экендигин белгилеп турат.

[1] Кара: Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. М., 1960. Т. IV. с. 93.

[2] Караңыз: Кыргызстан-Россия: История взаимооношений. XVIII– XIX вв.Сб. док. и материалов.  Б., 1998. с. 35-43.

 

Автор жана анын ата-бабалары тууралуу кыскача маалымат

Теги боюнча Насирдин молдо (1890-1937) сарыбагыштардын жантай уругунан. Насирдиндин атасы Бөөмбай, анын атасы Куталы, анын атасы Байкожо, анын атасы Жакам, анын атасы Дайырбек, анын атасы Акий, анын атасы Кусеке, анын атасы Бөрүчөк, анын атасы Дөөлөс, анын атасы Кылжыр, анын атасы Тагай бий.

Жантайлар сарыбагыштардын ичиндеги чоң уруктардын бири болгону менен XIX к. бөлүндү абалда ири манаптарга көз каранды болуп калган. Анткени кыргыздын көчмөн коомунда бийликти манаптар жүргүзүп, өзүлө рүнүн саясий-экономикалык абалын бекемдөө үчүн кээде башка уруу-уруктарды бириктирип алышкан[1]. Россия империясынын карамагына киргенге чейин Түндүк Кыргызстандагы жалпы сарыбагыш журтуна баш кошкон майда топторду жалпысынан эсенгул жана тынай уруусу бийлеп турган. Мисалы, автор көрсөткөндөй Жантайдын бир бутагы болгон Дайырбек тукуму 1852-жылы эсенгул элинен бөлүнүп, тынайларга кошулган. Буга окшогон маалыматтарды XIX к. орус авторлору да эскерет. Саякатчы Ч. Валиханов боюнча Үмөтаалы манаптын карамагындагы 250 түтүн жантайды Сүйүндүк Кенже, 350 түтүн калмакыны Байсереке Черикчин, 150 түтүн аюкени Баястан Сатубалдин башкарып турганы көрсөтүлгөн. Насирдин молдо да өзүнүн кол жазмасында ушул мезгилдеги жана ага чейинки жантай уругунун башынан кечирген тарых тууралуу кеңири маалыматтарды келтирген. Россиянын карамагына киргенден кийин коомдук-саясий турмуш өзгөрүүгө учурап, болуштук (волосттук) башкаруу киргизилген жана жергиликтүү балдарды окутуу багытында иштер бир аз болсо да колго алына баштаган. Ушундай ишти баштагандардын бири манап Шабдан баатыр 1909жылы Кеминдин Тар-Суу деген жерине өз каражаты менен медресе курдуруп, мугалим жалдап, балдарды окута баштаган. Учурунда мындай мектеп-медреселер жергиликтүү балдардын билимин ачууга абдан чоң роль ойногон. Анткени ал жөнөкөй эле катардагы медресе болбостон, жаңы методдогу (усулу-жадид) мектеп болуп, анда дин илиминен (кураани каримди жаттоо, шарият жол-жоболорун үйрөнүү) сырткары арифметика, география, чыгыш адабияты сыяктуу жаңы сабактар киргизилип, Уфадагы жогорку окуу жайды («медресе Галия») бүтүп келген мугалимдер сабак берген. Оңдой берди болгон билим алуунун мындай мүмкүнчүлүгүн Насирдин да пайдаланган.

Аталган окуу жай тууралуу Осмонаалы Сыдык уулу: «Чубар агачтык Ямлиха карыны Шабдан баатыр алдырып, миң сомго катын алып берип, бир нече жыл жалдады. «Кыраат» (куранды так окуу) илими өтө эле алга кетти. «Наху» (синтаксис), «Сарф» (Морфология) илимдери окутула баштады. Кыраат андан бетер артты. Кыргыз баласынан «карылар» (куранды жат билгендер) чыга баштады. Тарих жуграпия (география), Эсеп илими, «Улуси Жадид» (жаңы тартип окуусу) …башталды …бул күндөрү балдарыбыз чоң шаарларга катышып, «Тарих» жаза тургандар чыкты. Уфа шаарына барып, «медресе Алияны» бүтүрүп келүүчүлөр да чыкты. Жана да чоң шаарлардан вазифа (маяна) төлөп мугалимдер чакыра тургандар да чыкты»,– деп[2] жазат.

Кыскасы, «Шабдания» медресесинен билим алуу Насирдиндин болочоктогу жашоо-турмушунда олуттуу өзгөрүш алып келген. Анткени мугалимдер жетишпей, жакшы окуган балдарды кайрадан мугалим кылып, айылкыштактарга жөнөтүүгө туура келген. Ошондой окуусун мыкты бүтүргөн 20–30 баланын бири болгон Насирдин 1912–1913-ж. үчүкө эли, тагыраак айтканда Нарын-Куланактагы балдарды окутуу үчүн жөнөтүлгөн.

Бар күчү жана алган билимин жумшап балдарды окутуу иши менен таалыкпай эмгектенип жүргөндө 1916-ж. кайгылуу үркүн окуясы башталып, ал дагы аргасыздан эли менен Кытайга качууга мажбур болот. Өз ишине кесипкөй болуп калган Насирдин каражат таап, оокат кылуу үчүн мекенине кайтып келгенче, Кашкардан балдарды окутуу менен алектенген. 1917-ж. эли менен өз жерине кайтып келип, кайрадан Ат-Башы жана Нарын тарапта балдарды окутуп, 1930-ж. чейин билим берүү менен эмгектенип, совет бийлигине да ак кызматын өтөйт. 1930-ж. Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ойуна которулуп, сүйгөн кесибин улантуу менен ал жерде 1933-ж. чейин эмгектенет. 1933-ж. киндик каны тамган жерине жакын, Токмоктун Сайлыгындагы Дүрдүн мектебине орношуп, 1937-ж., же өмүрүнүн аягына чейин ушул мектепте иштеп өткөн.

Бөөмбаев Насирдиндин тарыхка карата болгон кызыгуусу мугалим болуп жүргөндө эле башталган. Ал 1930-жылдардан баштап мектепте тарых жана географиядан сабак бере баштаган. Балким бул илимдердин адиси болуу үчүн даярдоо курсунан өттүбү же өз алдынча үйрөндүбү, айтор тарыхка байланыштуу ар кыл маалыматтарды окуп, эл арасынан чогултуп, анын үзүрү катары сиздер окуп жаткан ушул эмгек жаралган.

Насирдин молдо дин илимин да жакшы билген өңдөнөт. Анткени Бөжөй апанын айтуусу боюнча Шабдандын медресесин бүткөн эки бала гана – бири Насирдин молдо, экинчиси Абдраим Чуңкелеев куранды жатка билген «кары» болушкан. Насирдин кыязы медресеге киргенге чейин эле дин илими менен тааныштыгы болсо керек. Болбосо 3–4 жылдын аралыгында куранды жат билиш бардык адамдардын колунан келе бербейт. Тилекке каршы, дин илиминин пайдасын көрбөй, совет мамлекетинин жүргүзгөн атеизм саясатынан улам көптүн бири катары кете берди. Бирок анын бала окутуп, билим берген мугалимдик өнөрү жана бабалардын тарыхы тууралуу жазган эмгегинин бизге жетиши, эл алдындагы гана эмес кудай алдында да ак өтөгөн кызмат катары бааланары шексиз.

Жубайы, балдары жана неберелери.

Молдокенин жубайы Бөжөй апа абдан кайраттуу адам болуптур. Келин болуп келгенден баштап үй-бүлөнүн жеңилин-жерден, оорун колдон алып, өмүрлүк жолдошу Насирдиндин түйшүктүү мугалимдик кесибинде жөлөк болуп, дайыма колдоп, жакасын агартып келген. Бөжөй Бегалы кызы да ушул эле сарыбагыш жантайдын ичиндеги кенже тукумунан болгон. Төркүндөрү Кайыңды айылынан экен. Дүйнөдөн 1965-ж., 75 жашында кайткан.

Чоң энеси Бөжөй тууралуу анын өз оозунан уккан маалыматтардын негизинде Закия Насирдин кызы мындай деп эскерет:

Чоң апам Бөжөй чындыкты бетке айткан, калыс жана кайраттуу адам болгон.

«Сөздү өз учурунда айтпаса, сөз атасы өлөт»,– деген макалды көп колдоноор эле.

«Калп ырыс кесет»,– деп бизди туура жүрүп, адамга түз мамиле жасоого үндөчү.

Өзүнүн бала кезин: «атам мени 12–13 чыкканча эркелетип, эркек баланын киймин кийгизип, ат ойнотуп, куш салган жерби же конокко барса да мени ээрчитип жүрүп чоңойткон»,– деп эскерчү.

Чоң атам Насирдин экөө Нарын тарапта жашаган учурундагы кызыктуу окуялардан бири катары төмөндөгү окуяны эскерип күлүп калаар эле:

Чоң атаңдын тайкелеринин бирөө абдан катаал, аялга катуу мамиле кылган киши болчу (5–6 аялы болуптур). Бирдеме дей электе эле аялдарын чыркыратып, сабап жиберчү, ал кезде эч ким болушуп, ага кийгилише алчу эмес. Ал учурда адамдардын, өзгөчө келин менен кайнатанын мамилеси өтө сый болгон. Анан ошондой окуя бир нече жолу кайталанганда, чыдабай кирип барып, ортолоруна түшө калдым. Ошондон кийин мен кирип барсам эле тайкемдин ачуусу келип, камчысын силкип, бурулуп басып кетчү. Ошентип нечен жолу аялдарына арачы болуп, таяктан сактап калгам. Бирок тайакем мени кантип жазаласам деп, ойлоп жүрсө керек, бир күнү жайлоого көчөөр кез, ким кайсы атты минет деп бөлүштүрүп, анан жээн келинге (мага) тигил байталды деп азоо байталды көрсөттү. Көч кетти, чоң атаңар жалтаңдай, кылчактап карап, эч нерсе айталбай көч менен кетти (ал кезде каяша айтуу же андай даражадагы адамдын чечимин талкуулоо мүмкүн эмес болчу). Алар узагандан кийин мен жылкычыга кайрылып: «укурук менен кармап, жарга айдап бер, эптеп минсем эле болду»,– деп сурандым. Жардан туруп секирип минип, бир топ узап кеткен көчтү кууп жетип, чапкан бойдон тайакеден да өтүп кеттим (байталдан кара тер кеткен), ошондо тайке айткан экен: «кой бул келинге кол койдум»,– деп. Бөлөк ат бердиртти. Ошондон кийин мен аялдарын сабаганын көргөн жокмун.

Чоң апамдын дагы бир кызыктуу окуясы эсте бар: чоң атабыз бала окутууга кетсе эле, ошол айылдан бир киши үйгө келип, олтуруп алчу экен. Анан, шашпа, ушуну кантип экинчи жологус кылсам деп ойлонуп жүрүп, бир күнү чай куюп берип, олтура туруңуз аке, мен баланы тосуп келейин деп, эшикти сыртынан байлап, бекитип, өзү кошунасыныкына кетип калыптыр. Тиги киши чоң атам келгиче олтурган экен.

Кийин түшүнсөм чоң апам жогорудагы окуяларды айтып берүү менен бизди чынчыл, туруктуулук, өткүрдүк жана адамдардын тагдырына кайдигер мамиле кылбоо керек деген маанайда тарбиялоого аракет кылган экен.

Аны менен бирге биздин чоң апалардын тушундагылар акылман, даанышман, жеке өз кызыкчылыктарынан жалпы уруу, эл кызыкчылыгын жогору койгон адамдар болгон деп ойлоном.

Мисалы, кыргыздар илгертен жоокер эл болгондуктан, көп учурда аялдар жесир, балдар жетим калган. Алардын тагдырына кайдигер мамиле кылбастан, кылдаттык менен ойлонушуп, кеңешип туруп, жесир калган аялдын башын башка тууганына байлап коюшкан. Муну менен бир топ социалдык маселелер чечилген: биринчиден, балдар жетим калган эмес, каккы-сокку жебей, өз уруусунда чоңоюшкан. Экинчиден, аялдар көп учурда жаш калгандыктан, төрөтү токтобостон, элдин саны көбөйүп турган.

Чоң апам өңдүү акылман байбичелер мурунку муунда көп болгондуктан, кыргыздар улут катары ушул убакка чейин сакталып келди деп айтсак жаңылышпайбыз. Ага мисал, чоң апамдын көзү өткүчө уруу аксакалдары келип, эмне болсун кеңешип турушчу.

Небереси Насирдинов Эсенгулдун эскерүүсү боюнча Бөөмбаев Насирдинден 3 уул калган. Эң улуусу Насирдин уулу Токтобай. Ал 1924-ж. туулуп, 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согушка кетип, ошол бойдон кайра кайтпай, андан бала калган жок. Үчүнчү уулу Кайкы. Ал 1931жылы төрөлгөн. Жаштыгына карабай «баардыгы согуш үчүн, баардыгы жеңиш үчүн» деген ураан алдында чоң кишилер менен иштеп жүрдү. 13 жаш курагында кырман бастырып жатканда кокустук болуп каза тапкан. Кайкы мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазып, Манас айтып, эки классты бир жылда бүтүргөн экен. Кайкы байкең тирүү болгондо андан чоң жазуучу же чоң акын чыкмак деп, Кебеков Балбан агайдын айткандарын унутпайм.

Менин досум Эмилдин атасы Кантай аксакалдын 70 жылдык тоюнда комуз чертип ырдап берсем, Кайкы байкесин ушул Эсенгул тартыптыр деп Кантай ата айткан эле.

Насирдиндин экинчи уулу Мукамбет 1926-ж. төрөлүп, 1996-ж. 70 жаш курагында каза болгон. Колхоз түзүлгөндөн баштап өмүрүнүн акырына чейин тынымсыз эмгектенип, ар кандай кызматтарда иштеген. Мукамбеттен 10 бала бар:

Эң улуусу Сабыркул. Ал Ысык-Көлдө, Чоң-Сары-Ойдо жашайт.

  1. Насирдинов Субан. Бишкек шаарында турат.
  2. Насирдинова Зания. Бишкек шаарында турат.
  3. Насирдинова Жакшылык. Бишкек шаарында турат.
  4. Насирдинова Бурулча. 1985-жылы каза болгон.
  5. Насирдинов Кубан (Шатен). Бишкек шаарында турат.
  6. Насирдинов Эсенгул. Базар-Коргон районунун аскер комиссары, полковник.
  7. Насирдинова Сайрагул. Бишкек шаарында турат.
  8. Насирдинов Эмил. Үй-бүлөсү менен Россияда жашайт.
  9. Насирдинова Эдил. Ата очогун улантып, Чоң-Кеминде.

Насирдинов Эсенгул Мукамбетович – 1965-жылы туулган.

Асанов Т. И. тарых илимдеринин кандидаты

[1] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер.  Б., 1999. 653- 656-б.

[2] Осмонаалы Сыдыков. Тарих кыргыз шадмания. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990 . 38-б.).

 

БӨӨМБАЕВ НАСИРДИНДИН САНЖЫРАСЫ*

5-бет: Өзүнө ээрчиген 80 киши менен кемеге түшүп, кемесине ар жаныбардан бир эркек жана бир ургаачысын алып, кемесине салган[1]. Нухдун[2] кемесине түшкөндөр аман болуп, түшпөгөндөрдүн баары өлгөн. Эски тарыхтын айтуу боюнча жана кеменин ичинде жүргөндө (Оба, Уба ??), жугуш оору болуп, 80 киши бары өлдү[3]. Ошол жер жүзүндөгү элдин баары Нухдун үч уулунан тарады. Ошон үчүн Нух пайгамбарды 2 адам деп айтылат.

* Эскертүү: Пунктуациядан башкасы оригинал боюнча сакталды. Бирок, кол жазма өткөн кылымдын башында араб алфавити жана анын лексикасы менен жазылып, «ө», «ү», «ң» тамгалары дээрлик колдонулбай, «п» тамгасынын ордуна «б» тамгасын (мисалы, «болуп» деген сөздүн баары «болуб» делет)   пайдалангандыктан, ушулар гана оңдолду. Мындан тышкары башка санжыраларда кайра-кайра кайталанган окуялар, кээ бир белгилүү адамдардын ата-бабаларына кенен түшүндүрмө берилген жок. Аларды азыркы учурда жарыкка чыккан башка маалыматтар менен салыштыруу аркылуу түшүнүүгө болот. Ал эми түшүнүксүз сөздөргө (?) белгиси, окулбай калган жерлерге (…) коюлду.

[1] Сөз уламыштарда көп кезиккен «топон суу» жөнүндө жүрүп жатат. Алгачкы варианты байыркы шумер, аккад эпосторунда, ал эмес майя элинин уламыштарында кезигет. Кийинки окумуштуулар адамзаттын тарыхында бир эле эмес, бир нече жолу топон суу каптаганын эскертишет. Бирок, уламыштагы топон суунун мезгили так аныктала элек.

[2] Динге байланышкан санжыралардын бардык түрүндө кезигет. Инжилде Ной (ивритче ?????, Но?ах (Быт. 5: 29) «соороткуч, элдештирүүчү» деген мааниде; байыркы грек тилинде ???,) Адам Атанын тукуму – топон сууга чейинки акыркы (онунчу) патиарх. Ламехтин (Лемех) уулу, Мафусаилдин небереси, Сим (Шем), Хам, Иафеттин (Яфет) атасы. Куран боюнча (араб. ?????, Нух) – Алланын беш пайгамбарынын биринчиси. Кудай-Таала Нухту жиберип,  адамдарды ар кандай идолдорго эмес, Жараткандын бир экенине ишендирүүгө чакырган. Бирок алар Нухту кубалай башташкан (Куран, 71: 23), ошондо ал: «Оо Жараткан! Жерге бир да каапырды калтыра көрбө!» (71: 26) деп жалынган. Ошондуктан Кудай-Таала жерди топон сууга каптатып,  кеме жиберип, Нух менен бирге Кудай-Тааланын бир экенине ишенгендерди сактап калган (к. Абул-Гази бахадур хан. Родословие тюрков. Казань. 1908). Курандын көптөгөн аяттарында да кезигип, 28 аяттан турган Курандын 71-сүрөөсү атайын Нухга арналган.

[3] Абу-л Газы Бахадур хандын «Шажарай-и-түрк» («Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эмгегин кайталап жатат.

Нух жана Нухдун үч уулу тууралуу хикая

Нух пайгамбар үч уулу менен тофон суу тартылып, кеме токтолуп, жер кургагандан кийин жерге түшүп, токойдун арасына келип жатты. Токойдон жемиш жеди жана уктады. Уктап келип, үстүндөгү көйнөгүнүн этегин 6-бет: ауратын ачып кетти[1]. Хам күлүп калды, этегин жаба койду. Жафас[2] Хамды тилдеди.

[1] Инжил боюнча Хамдан Хуш, Мицраим, Фут, Ханаан тарайт (Быт. 10: 6). Иосиф Флавий – Хуш бул эфиоптор, Мицраим – египетттиктер, Фут – ливийлыктар, Ханаан – еврейлерге чейин Иудейде жашаган элдер деп эсептеген. Ошентип, бүткүл африкалыктар (хамиттер) Хамдын ушул төрт уулунан тараган  деген көз караш жаралган. Мындан тышкары Инжилде атасы Ной мас болуп калганда Хамдын уят ишке барганы айтылат. Биринчиден бир туугандарына атасынын жылаңач жүргөнүн айткан (Быт. 9: 22), экинчиден, ал «бир жаман ишке» барган (Быт. 9: 24). Ушундан улам уятсыздыкты орусча «хамство» деп калышкан. Иудейлердин түшүнүгү боюнча Хам атасын бычып салган. Ал эми белгилүү америкалык фантаст Айзек Азимов Хам атасын зордуктап салган деп түшүндүрөт. Анткени байыркы инжилде «жыланачтоо» деген сөз «зордуктоо» дегенди түшүндүргөн. Бул жерде сөз ошол окуялар жөнүндө болуп жатса керек.

[2] 2 Иафет (ивритче, Йефет, «[Кудай] өзү жар болсун», лат. Iafeth, араб.   Яфид, греч. ). Диний тарыхта Иафеттен европалыктар (ак раса) тарайт деп айтылат. Кээ бирде аларга монголоид расасын да кошушат. Чыгыш элдеринде Жафас (Яфас, Яфет) деп аталып, Абу-л Фазл Аллами боюнча Нухтун балдарынын ичинен эң калысы болуп, анын тукумунан хандардын ханы, бүткүл Түркстандын падышалары тараган. Ал түрктөрдүн түпкү атасы (Абу-л-түрк) деп таанылып, кээ бир тарыхчылар аны Алунжа-хан деп аташкан.

Хам балдары

Хам балдары Африка, Америка, Асийа жеринде. Хамдын (Африка ?) деңизинин аралдарында (Охоту) жапайы кийик (?) менен оокат кылуучу хинди, нигерлер. Сам[1] балалары менен Африка жеринде жашачу. Мисир [ге] келди. Аны Финикияны, Сирияны, габриани (?) Гариблар, армениялар, сам уруктары [деп] аталат.

[1] Сим (ивр. , Шем) Инжилде Нойдун улуу уулу, сем («семит») уруулары ушундан тарайт деп эсептелет.

Жафас балдары

Ариялар жана туранийлер деп бөлүнөт[1]. Иран, хинди, сарт (…?) 7-бет:, инглиз, немис, орус, сираб жана башкалар болуп, коом арийлер – жаңы, ак түстүү коомдор [деп] аталат. Азыркы замандын дөөлөтү ушул уруктардын колунда турат.

Коом туранилер

Турани коомдору Азия жеринде жашачу. Кытай, жапон, хинди кытайлары, татар, фин, осмон түрктөрү, казак, кыргыз, калмак, кара калпак, уйгур түрктөрү жана башкалар. Эски тарыхтардын айтуу боюнча турани коому деп айтылат.

Фасил Йафес балдары

Йафес Нухдун бир уулу болуп, көп жаш жашады. Өзүнүн (8) уулу болуп, улуу уулу түрк, хазар, саклаб[2], кытай, камари (?), тарих (?), жайуб (?), манжурлар болуп, батыш жагы Истамбул, 8-бет: андан тартып бүткүл Азия жерине дейре таралып, жайуб аралдарынан таримжатке (?) жана беренгуб бугузуна (Берингов кысыгы?) чейин тарашкан.

Өзүнүн көп жашоо аркасында балдар арнап, бир канчалык балдарын көрдү жана көбөйүү себептүү экиге бөлүнүп, Истамбул бугусунан (Дарданелл жана Босфор кысыгы?) өтүп, Жавропия (Европа ?) жери жана Америка, Азиянын күн тарабындагы Кавказ жынысы жагы, ак жыныстуу калктардын белгиси[3]. Эски тарыхиянын айтуу боюнча өңдөрү ак, чачтары барак[4], баштары чокулуу, көзү оозу (?) болот.

Жыныстын белгиси – өңүри (?) баштары лук (?), чачсакалы сейрек, көзү кыйгач, чоң жаагынын сөөгү чыгык болот. 9-бет: Булар[дын] көпчүлүгүнүн мүнөзү жалкоо болот деген. Кара жыныстуулар өңдөрү кара, тиштери орсок, чач сакалы катуу, муруну жалпак, чокусу пас, шили чапкандай. Булар өнөр-маданиятсыз жапайы калктар болуп, ак жыныстууларга колония болуп эсептелмекте. Турган жери көбүнчө Африка жеринде. Занжи, заңги, хабаш жана дагы уруктары бар.

Кызыл жыныстуулар[дын] өңдөрү отко салган темир өңдүү кызыл болуп, Американын түп калкы болуп, булар 1492-жылдан тартып Колумбунун[5] Американы таап жана жавропалыктарга кабар кылуу менен жавропалыктар көчүп барып, Америкага орношо баштагандан кийин кызыл жүздүүлөр башында ак жүздүүлөр менен таттуу болушса дагы, айагында ак жыныстуулар жерин алып, ар түрлүү жагынан эзе баштаганына чыдабай жоо болушкан. 10-бет: Бирок жоо болуп урушканы менен ар түрлүү оот [6] менен жабдыктанган ак жыныстарга тең келе албай кырылып, жоголо башташкан. Калгандары болсо ак жыныстуулардын кулу катарында болуп, күнүн өткөрүшөт. Өзүнчө оокатын кылгандары болсо, дагы азыраак болуп, жаврупалык керек кылбаган пайдасына жерлерде жашамакта жана дагы ак жыныстарга аралашып туруп калгандары да бар.

[1] Биринчи жолу «Авестада» эки форма менен эскерилет: эң байыркысы «ария» («airya») менен катар «турия» («tuirya»), кийинкиси  «тура» («tura», «tur»). Булар байыркы иран мифологиясы, орто кылымдагы перс, араб-мусулман тарыхый маалыматтары «Аryana» (Байыркы Иран) жана  «Туран» деген топонимдин пайда болушуна түрткү болгон. Кийинчерээк «арийлер» деп жалпы индоевропа тилинде сүйлөгөн элди, ал эми «Туран» деп Түркстандын синоними катары кабыл алынып калган (кара: Григорьев В. В. Караханиды в Мавераннахре. О первоначальном значении географического термина Туркестан; // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона, т. XXXIV).

[2] Мурунку азия тарыхчылары славяндарды ушинтип атаган.

[3] Жыныстуулар деп, европоид, негроид, монголоид расаларын айтып жатат.

[4] Тик деген мааниде.

[5] Христофор Колумб (лат. Christophorus Columbus, итал. Cristoforo Colombo, исп. Cristbal Coln; 1451-ж. күзүндө, кээ бир кабарлар боюнча Генуя шаарында төрөлүп, 20-май 1506-ж., Вальядолид шаары, Испанияда дүйнөдөн кайткан. Анын 1492-ж. Американы ачканын санжырачы жакшы билгени көрүнүп турат.

[6] Балким завод же курал-жаракты айтып жатат.

Фазли түрки уруктары

Йафестин (8) уулу болуп, улуусу Түрк1.

Түрк атасы Жафас[1] өлөрдөн мурун ордуна кан кылды. Бөлтүрүктүн[2] өзүнөн баштап, тогуз уулуна чейин кан болуп, бет алган 11-бет: душманын жеңип келди. Түрк коомунда (9) тогуз[ду] нарк кылуу – түрктүн тогузунчу уулуна чейин кан болуп келиши тууралуу болгон. Түрк атамыз өзү баатыр жана акылдуу, тартиптүү адам болду. Атасы Йафастан кийин көп жерлерди көрүп жүрүп, бир

1 Түрк элдеринин мифологиялык атасы. Орто кылымдагы чыгыш тарыхында ал Иафеттин (Жапас, Яфас)  уулу (небереси, чөбүрөсү) катары белгилүү (толугураак карасаңыз: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена А., 1998. Т. 1). Анын тукумунан чыккан эң көрүнүктүүлөрү Алинжа хан, Могул хан жана Огуз (Угуз) хандар болушкан. Бирок илимий маалыматтар огуз аталган уруулардын түрктөрдөн бир канча кылым мурун белгилүү болгонун далилдейт (мисалга кара: Толстов С. П. Огузы, печенеги, море Даукара //СЭ, 1950, № 4; Пигулевская И. В., Якубовский А. Ю. ж. б. История Ирана с древнейших времен до конца XVIII века. Л., 1958, ж.

б.). Балыкооз дагы өз санжырасында түрк эмес, жалаң огуздар (кыргыз, казак, катаган, коңурат, жедигер ж. б.) тууралуу кабар берет (кара: Балыкооздун санжырасы. Б., 2009).

жерди жактырып, келип турду. Бул убактыда ал жерди Ысык-Көл деп, ал убактыда Ысык-Көл жок болгон (?) күңгөй-тескейи Ала-Тоолорунан чыккан туура суулар күн батышты көздөй агып, Кочкор жана Чоң Кемин сууларына кошулуп, Аралиски море (йагны) – Арал деңизине куйчу. Андан көп жылдан кийин милади ийса[3], ийсаны насаранийлердин[4] ичинен кетишин бүткүл жаврупа калкы эсепке алышат. Мына ошондон (500) жыл мурун Түркстанды текшерип, (Хиродот[5]) деген саякатчы келген. Мына ошол (ушул жерде бир нече барактын № так эмес) убактыда дагы Ысык-Көл жок болгон. Табигат замандын өзгөрүшү менен кийинки убакытта идаа болуп, ошол болуу себептүү күңгөй-тескей тоолорунан чыккан сууларды Ысык-Көл боюна, ягни өзүнө тартып алуу менен Чүй суусу Арал деңизине жетпей калган. Уруктун Ысык-Көлгө баштап көчүп келишине ухдон (?) топон суусунан (514-жылдан) келген. Түтүк Костон Баркан деген уулдары болду. Түрк атасы Түрктүн ордуна туруу бактысында атасы Түрктүн тапшыруу боюнча шаа болду.

Ал Түтүк Түрктүн улуу уулу болуп, элдүү дөөлөттүү падыша болду. 14-бет: 200-жыл өмүр сүрдү. Тамакка туз салмак өңдүү жана дагы башка бир канчалык расимдерди жайгарды. Түтүктөн кийин ордуна Айча хан болду. Аштарды ашап, жаштарды жашап, көп жылы өмүр сүрүп, каары келгенге касап кылып, жолдон чыкканга адиап кылып, дүйнөдөн көчтү. Айча хандан кийин ордуна уулу Бакуу кан болуп, көп жыл өмүр сүрүп, акыры барса-келбес жерине кетти. Бакуудан кийин ордуна уулу (Кийик) адил кан болуп, бир нече жыл адилдик менен өкүмүн жүргүзгөндөн кийин, бул киши дагы дүйнөдөн көчтү. Кийик кандан кийин ордуна уулу (Алынча) болуп, Алынча кандын убактысына чейин ча (?) Йафас балдары Нух пайгамбардын расми менен келип, ошол убактыда эл бай болуп, дөөлөткө мас, маданиятка кас болуп, ар ким өзүнчө болуп, өзүнүн каалаган расмисин тутушту. Алынча кандын Татар, Магул деген эки эгиз уулу болуп, элди экиге бөлүп алып, эки падыша болуп… Алар өзүнөн баштап, жети уулуна чейин падышалык кылды. Аттары ушулар. Бука хан, Яланчы хан, Атлы хан, Атсыз хан, Ордо хан, Байдуу хан, Сүйүнчү хан. Хандык бул кишиден кайтып кете баштаган. Алынча хандын эки эгиз уулунун бири Магул хан болуп, бул Магул хандын уулу Кара хан (…) кишинин ордуна хан болуп туруп, бул 15-бет: Кара хандын убактысында дин расми деген калган эмес. Кара хан акмактыгынан адам колунан өлдү. Кара хандын ордуна уулу Угуз хан болду. Бул Угуз эки мистүү кылыч өңдүү жан болуп, ананаң (?) ичинен олуя туулуп, элди Нух пайгамбардын динине оңдоп көндүрдү. Мусулман динине көнбөгөн оюна койбоду. Бул Азия жеринде турган элди өзүнө каратып (116-жыл) падышалык кылып туруп, барса-келбес жерине кетти. Бул Угуз хан (…хижра) Мухамбет пайгамбардын Мекке шаарынан Медина шаарына көчүшүнөн (3400) жыл мурун дүйнөгө келип, сураган элдери – Кытай, Жапон, Хиндустан, Мисирге чейин 16бет: жетип турду. Милади ыйсаны бүткүл жавропалык жыл эсеби 1931-болсо, (а)т жыл эсеби менен 1350үнчү, ошол жыл эсеби менен Угуз(дун)1 дүйнөгө келип, төрөлүшү (4750) чамасында болгон.

Угуздун (6) катындан (24) уулу болуп, өзү тагында өзү өлбөстөн ункан (?) кылды. Бардык өмүрү (200) кө чейин жаш жашады.

(Т)агын кандын2 убактысында Түрк деп (ат)аб (9) атам хан болду деп3, Түрк мында эскиче куда болсо тогуздан тартуусу, тогуз жакшы кур тамырга тогуз нарк4 ошондон калды.

  • Огуз-хан, Огуз-каган, мифология боюнча огуз урууларынын түпкү атасы. Чыгыш тарыхчылары (мис., Хондемир) боюнча Огуз хан хун тукумунан чыккан Модэ, же Модонун өзү. Анын атасы Томань, азиялык тарыхчыларда Кара хан б. з. ч. 220-ж. кытайлыктардын кысымынан Ордосту калтырып – Халхага кетип – кийинки бардык күчтүү хандар ордо тигип, Чыңгыз хандан тартып, моңголдор Хара-Хоринь, ал эми азиялык тарыхчылар Кара-кум деп атаган Хангайдын этегинен конуш алган. Кукунорлук тангуттарды каратып, андан ары Модэ Кытайды карай багыт алып, бир кезде кытайлыктар басып алган атасынын жерин кайра кайтарат. Ошону менен ал кездеги Монголиянын бардык жерине өз бийлигин орнотуп, б. з. ч. 202-ж. Улуу дубалдан өтүп, Кытайга кирип барып, салгылашуусуз эле императорду белек түрүндө салык төлөөгө мажбурлап, экинчи жолу аны 198-ж. кагаз жүзүндө бекиткен. 176-ж. (б. з.) Модэ Чыгыш Түркстан, Чжуньгария, Мауре-эннягарды (Мавреннахар), б. а. Пичандан Персияга чейинки жерлерди каратып алгандыгы тууралуу Кытай императоруна өзү жазган. Ал 174-ж. өлгөн (к. Бичурин Н. Я. Аталган котормо). Көптөгөн манасчылар менен баарлашып, анын тарыхын манасчылардын (мис., саруулардан Алаш; саяктан Кыштообай уулу Медер; бугудан Дыйкамбай, Акылбек; сарыбагыштан Найманбай; белгилүүлөрдөн Сагымбай Орозбаков, Тыныбек ж. б.) өз оозунан тактаган тарыхчы Б. Солтоноев Манастын Жакыптан мурунку ата-бабалары 1) Түмөн, 2) Бөөн хан, 3) Кара хан болгонун белгилейт (кара: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 2.). Кыргыз санжырасында айтылган бул окуяларды тарыхый маалыматтар да ырастайт. Мисалы, Түмөн (кыт. Тумынь-Или-хан [Иле дарыясынын атынан, башка варианты Или – эл, держава]) 553-ж. март айында өлгөн, эң кызыгы кытай хроникасында Тумынь өлгөндөн көп өтпөй анын кичүү уулу Кигинь адегенде жужаңдарды, анан батышта Идуну, чыгышта Кидандарды талкалап, түндүктөгү Цигуларды (кыргыз) багындырганы айтылат. Бөөн хан (Бумынь), Кара хан (кыт. Томань, Бичурин боюнча Өгүз [Огуз] хан) менен дал келет  (кара: Бичурин Н.Я.Аталган котормо. 232-233 б.).
  • Мүмкүн Таг ханды айтып жатат.
  • Түрк ата өзү баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогузду ырасым тутмак ошондон калды (кара: Сыдыков О. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990).

3 Бул жерде түрктөрдүн тогуз деген санды ыйык деп санашканын айтып жатат окшойт.

Угуз кандын көзү өткөндөн 17-бет: кийин балдары ынтымаксыз, элди партия1 кылып бөлүшүп алып, өз-өздөрүнчө кан боло баштаган. Мына ошондон кийин түрк тукумунда чабышуу, көбү-азын талап алуу деген аңгемелер болуп, урукчулдук доордун биринчи баскычы, ягни башталышы болуп эсептелет.

Бул Тагын кандын (4) уулу болуп, улуусу кыргыз, салор, иймирал, киман2. Кыргыз эң улуу уулу болгондуктан, атасы Тагын кандын ордуна турду. Бул кыргыз Тагын кандын уулу Угуз кандын небереси3 экени рас.

Узбек, сарт тукуму кыргыздын атасы ит деп жалаа кылышат. Анткен себеби, андан көп кийин 13-асыр, ягны кылымдын 18-бет: Магул тукумунан Чыңгыз кан[6] деген атактуу чоң кан чыккан. Мына ошол убактыда Шайык Мансур олуя[7] деген чыгып, Чыңгыз канга кас болуп, ошол

  • Топко бөлүп деген мааниде.
  • Мындай вариант башка санжыраларда кездешпейт.
  • Балыкооздун санжырасында (Б., 2009) огуз уруулары кыргыз, казак, кытай, кыпчак, коңурат, жедигер, маңгыт, тайчык сыяктуу 12 уруудан туруп, урааны «Огуз» («Угуз») болгон. Аль-Марвази (1056-1120) да «Түрктөр көптөгөн уруу, урук, клан жана ар кандай түрлөрдөн турган абдан көп эл. Кээси шаар-кыштак, кээси талаа менен чөлдө турушат. Алардын көп сандуу урууларынын бирине гузздар кирет. Алар он эки уруудан туруп, бирин тугузгуздар, башкаларын уйгур жана ухгурлар деп аташат. …Алар Мавераннахрдын (б.а. Аму-Дарыянын оң жээги) бет маңдайындагы талаа, бир бөлүгү Хуварезмдин (Хорезм) маңдайында турат. Качан ислам өлкөлөрүнө карай баштаганда, алардын бир бөлүгү ислам динин кабыл алып, түркмөндөр деп аталып калды. Анан алар менен ислам динин кабыл албагандардын араларында ачык душмандашуу башталды. …Алардын /түрк/ катарына чыгыш менен түндүктүн ортосунда жашаган көп сандуу эл – хиргиздер да кирет. Кимактар алардын түндүгүндө турушат» дейт. (толук карасаңыз: КР УИАнын кол жазма фондусу. Инв. №5176. №10 иш). М. Кашкаринин эмгегинде (1072-1077) огуздар 22 урууга бөлүнгөн.

Кас болууну Чыңгыз кан билип өлтүртүп, сөөгүн өрттөп, сууга салып жиберген. Мына ошол убактыда кандын кыздары боосуп калган имиш. Кырк жолдош кызы болгон. Шайык Мансур олуяны өрттөп, күл кылып, сууга салып жибергенде, кандын кызы кырк жолдош кыздары менен сууга барганда, жанына ит ээрчип барган. Мына ошону караңгылык менен божомолдоп, өзбек-сарт калкы жалаа кылышат[8].

[1] Кийинки араб авторлорунда Яфастын тукуму Рум, Саклаб, Армини жана Ифранж (Мухаммед ал-Калби боюнча); Йунан, Саклаб, Бургар, Буржан, Буртас жана Фарс (Гишам боюнча); Түрк, Саклаб, Йажуж,

Мажуж (ат-Табари боюнча); Түрк, Бажнак, Тагазгаз, Тибет, Йажуж, Мажуж, Хазар, Аллан, Абхаз, Санария, Журжан, Рус ж. б. (Ибн-Батрик); Ифранж, Саклаб, Нукабард, Ашбан, Яжуж, Мажуж, Түрк, Хазар, Жалалик ж. б. (Масуди).

[2] Чыгыш (Кытай ж б.) уламышы Огуз (Угуз) тукумунун тарашын көк бөрүгө (карышкыр) байланыштырат. Мисалы, түрктөр түндүк хундары (гун) болгон Со тукумунан тарап, ал аймактын бийи Апанбунун 70 бир тууганы болуп, эң улуусунун аты Ичжини-нишыду эле. Апанбу жана анын калган бир туугандары акылсыз болушкандыктан, акыры жок болушту. Ичжини-нишыду болсо карышкырдан туулуп, ошондуктан жаан жаадырып, шамал чакырган күчкө ээ болгон. Ал эки аял алып, биринчиси жай, экинчиси кыш кудайынын кызы болушкан. Биринчи аялы ага төрт бала тууп берип, …экинчи баласы Цигу (Кыргыз) деген ат менен Афу жана Гянь дарыяларынын аралыгында хандык кылды. Эң улуусу Басычу-сиши тоолорунда жашаган. Бул жер абдан суук болгон жана ал жерде Апанбуйдун тукуму турган. Улуу уулу [Нишыдунун] жылуулук тараткандыктан, алардын баарын сактап калган: ошондуктан алар аны Түрк (Тукюе) деген ат менен өзүлөрүнө башчы кылып дайындап алышкан. Бул Надулу-ше [ше-шад] эле (к. Бичурин Н. Я.Аталган котормо).

[3] Папа Григорий XIII тарабынан эски, юлиан календарынын ордуна 4-октябрь, 1582-ж. католик динине сыйынган өлкөлөр үчүн киргизилген жаңы жылды (григориан) айтып жатат. 4-октябрдын кийинки күнү 15-октябрь, жума болуп кабыл алынгандыктан, 1582-ж., 5-14-октябрь күндөрү календарга кирбей калган. Григориан календарында бир жыл 365,2425 суткага тете болот. Б. а. толук эмес жыл 365, толук жыл 366 суткадан турган. Аны кабыл алуунун негизги максаты Иса (Иисус) пайгамбардын туулган жылын аныктоо болгон. Ал Гай Цезар жана Эмилий Павел консулдук кылып турган жылдарда туулган, ошондуктан ал жыл 1-жыл деп кабыл алынган.

[4] Насара – Куран боюнча христиандар. Кээ бир сүрөө, аяттарда Исаны кудай деп таанышканын күнөөлөйт (9:30, 4:71 ж. б.).

[5] Байыркы грек тарыхчысы Галикарнастык Геродотту ( б.э.ч. 484 – 425-ж.) айтып жатат. Кайсы бир тарыхчылардан Геродот тууралуу окуса керек. Ал биринчи тарыхый трактат  – «Тарыхтардын» автору болуп эсептелет. Аны «тарыхтардын атасы» деп биринчи жолу Цицерон атаган. Улуу Скифия жана ондогон антикалык элдердин тарыхын жазып калтырган. Анын Вавилон, Ассирия, Египет, Кичи Азия, Геллеспонт, Кара деңиздин түндүгү, Балкан жарым аралында болгону белгилүү. Бирок Түркстанда болгон эмес. Анын үстүнө «500 жыл мурун» деп да жаңылып жатат. Мындай кемчиликтер мурунку санжырачылардын көпчүлүгүндө жолугат.

[6] Чыңгыз хан (монг. t?i???s ?a?? [Чингис хаан], 1155 же 1162-ж. туулуп -1227-ж. 25-августта өлгөн) – улуу полководец. Кытай, Орто Азия жана Чыгыш Европага жортуул уюштурган.  Монгол империясы жана Чыңгызиддердин династиясынын негиздөөчүсү (толук карасаңыз: Сокровенное сказание или монгольский обыденный изборник. Монгольская хроника 1240 г. Перевод Козина С.А., М. – Л., 1941 г.).

[7] Башка санжыраларда Шаа Мансур, Шах Мансур түрүндө кездешет (кара: Балыкооздун санжырасы). Кээ бир вариантында «Кыргыздан Сафар шаа, андан Алхак. Андан Рашидилхак. Андан – Аналхак. Бул ысымдар арабдар менен жакын турганда коюлган» (кара: Сыдыков О. Аталган санжыра). Аналхакк жазма түрүндө алгачкы ирет Сайф

[8] Анварбек Мокеевдин «Роль Ислама в формировании  кыргызского народа»  (2-февраль, 2010-ж.) докладынан  толугураак карасаңыз болот.

Магул[1] тууралуу

Магул Алынча кандын эки уулунун бирөө болуп, өзү кан болуп турду. Кара хан, Мөгдөн, Уйгур деген балдары[2] болду. Кара хан баяны болсо өттү. Мөгдөндөн Ойрот, Тыргоот[3] – эки уулу болуп, ойрот тукуму Алтай тоолорунда Ойротистан[4] аталган элдер. Тыргоот болсо Мангулия (Монголия) атагындагы мангул жана калмактар болот.

ад-Дин Ахсикентинин (16-к.) «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») кол жазмасына кирген. Мындай уламыш 858-922-ж. жашаган ислам дини жана сопучулук агымынын өкүлү Халладжка (толук аты Абу Абдуллах ал-Хусайн ибн Мансур ал-Халладж, перс. ????? ?????, араб. ????? ????????), б. а. диний түшүнүккө байланышкан. Ал тирүү кезинде эле христиандардын Иса пайгамбары сыяктуу өзүн кудайга теңеген жана өлүм жазасына тартылып жатканда да «Ана-л хак» деп кайталай берген.  «Ана-л хак» – сөзмө-сөз «мен ак (чындык)» деген маани берип, мусулман түшүнүгү боюнча «актын (чындык) ээси» кудай гана болуп саналат. Санжырачы муну Чыңгыз хандын тушу деп жаңылып жатат.

Мангулдун 3чү уулу уйгур болуп, мындан Ингир, Манжур, Жалгамыш (3) уулу болду. Жалгамыш тукуму көчкөндөн көңүлү калып, жүргөндөн жүрөгү калып, алты шаар Кашкар тарабына туруп калган асыркы уйгур 20бет: атагындагы түрк тукумдары болот. Ингир, Манжур тукумдары бир нече жыл бир нече убакыт Кара(х)ан, Угуз тукумдары менен турса дагы, замандын өзгөрүшү жана элдин көбөйүшү, жер талашуу аркасында Угуз кандын тукумдары менен Түркстанды талашкан. Бирок ал убактыда Жакыптан чоң Манас деген чыгып, аларды күн чыгышты көздөй сүрүп жиберген. Азыркы чоң Бэжиндин[5]  түздүк жагынан тартып, Жапонияга чейин манжур атагындагы калктар. Булар түрк тукумунан болуп, Түркстан Орто Азиядан ооп барышса дагы, Кытайдын бир канча жерин багынтып алып, сураб 21-бет: турушкан. Кандарынын атын (Абысма) (?), ягни Көк баласы деп ат койушкан. Соңунда көп жылдар Кытай менен бириктешип туруу себептүү кытайлашып, йагни Кытайдын бир бөлүмү болуп кетишкен.

Фасил Костон1 тууралуу

Костон Түрктүн бир уулу болуп, Ысык-Көлдүн тескей тоолоруна жердеп турушуп2, замандын өзгөрүшү менен бир канчалык жыл тургандан кийин гун (хун) түрктөрү атагында болуп туруп, 9чу гасырдын3 ичинде Самаркандды көздөй барышып, саманилер4 менен биригишип туруп, эң акырында саманилердин боштугун көргөндөн 22-бет: кийин саманилердин өкмөтүн тартып алып, селжук5 падышалыгын курушту. Мындан көп узак турмайынча, алты шаардан[6] уйгур түрктөрү келип, бул уйгур түрктөрү менен (хун) гун7 түрктөрү ортосунда согуштар башталып,

  • Түрктүн биринчиси Түтөк, экинчиси Жекел, үчүнчүсү Берсежар, төртүнчүсү Эмлак деген деген төрт уулу болду. Өлөөрүндө бийлигин Түтөккө берди (Абул-Гази бахадур хан. Аталган эмгек).
  • Абу-л Гази боюнча атасы өлгөндөн кийин Түрк Ысык-Көлдү таңдап, биротоло туруп калган.
  • Кылымды казакча айтып жатат. Б. а. 9-кылым.
  • Аббасиддер түзгөн халифатка караштуу эмират (819-999).
  • Иш жүзүндө да огуз урууларына караштуу кыныктардан болуп, түркмөн, осмон, гагауз, азербайжандар сыяктуу эле жалпы жонунан батыш түрктөргө кирет. Аталышы ошол ордонун башчысы Селжуктун атынан улам калган. Уламыштарга караганда ал 955-жылдары СырДарыянын жээгиндеги Жент шаарында туруп, Селжуктун неберелери Тогрул жана Чагрыл бектердин тушунда өз алдынча күчтүү хандыкка айланган. Тарыхта Тогрул-бек (1035, 1058-1063), Алп-Арслан (10631072) жана Мелик-шахтын (1072-1092) аттары аталат.

узак убактыга созулуп, эң акырында саманилер менен уйгур түрктөрү биригишип, гун түрүктөрүн күн батышты көздөй сүрүп жиберишкен. Бул гун түрктөрүн сүрүп жиберүүгө уйгур түрүктөрү менен саманилер болушса дагы, көпүнчө (Хараазам алшахи)[7] Кыба[8] княздары себеп болушкан. Гун түрктөрү күн батышты көздөй барышып, Анатоолия Сурияга турушту. Бул кездер умдар (гун ?) менен перстердин 23-бет: ортосунда дайым согуштар болуп турган. Бул согушууда гун түрктөр урумдар жагында болуп, перстерди жеңишип, ошол жеңүү аркасында румдар хандыкты беришкен. Бул кезекте зор күчтүү болгон осмонли мамлекетин курушту жана аттаман йурту[9] деген ат таралып, барып турган шаарын (Кинстантинобул[10]), йагни түп атасы болгон Костондун атына уйкаш кылып койушту. Түрүктөр көп жер, көп элдерди багынтышып, чоң мамлекет курушса дагы, соңку гасырларда кичире башташты. Себеби өздөрүнүн мурунку баатырлыгына ишенишип, жаңыдан маданият өнөр жайларын көбөйтүшүп, аракет кылбагандыктары себеп болду[11].

Башында уйгурлар менен Хоразм биригишип 24-бет: гун түрүктөрүнө жоо болушса дагы, акырында уйгурлардын колунан өкмөттү алышып, Харазми алшахи деп аталган чоң мамлекет болуп, эң акыры харазими алшахи Мукаммет хандын заманына чейин келди. Бул доор Хиба княздеринин биринчи жетишкен доору болгон.

Хоразими алшахи аталган Мукаммет хан (бет) тишиб ? турган убактыда, Мангулдан (…116)инчи жылы туулуп, 1191-жылы хан болуп, Темучин деген атын Чыңкыз кан койуп, (..кытуу) чоң кан болуп, Ийсанын жылы – 1211инчи жылга чейин бүткүл Кытайдын барлык элин каратып жана кыргыздар дагы ошонун ичине кирип турат. 1217инчи жылында Харазимдин күн чыгыш жагындагы Атрар[12] шаарына жакындайт. Атрардын жакын жеринде Чыңкыс кандын аскери 25-бет: менен Мукаммет кандын жыйнаган төрт жүз миңдей көп аскери согушуп, бул урушта Харазим аскерлери такыр женилген.

Мындан кийин Тимучиндин мамлекети курулуп, Харазим, Иран, Хиндистан, Орусиянын Самарга чейинки болгон бир бөлүмү багынат. Чыңкыс кан бир нече жыл падыша болуп, 1241инчи жылы өлгөн.

Гун түрктөрү түрктүн чоң тукумунан болуп туруп, 10 гасырдын ичинде алты шаардан уйгур түрктөрү келип, жаңы душман болуп, Харазим кандары менен биригишип туруп, гун түрктөрүн күн батышты көздөй сүрүп жиберишкенден кийин, алар барып Анатоолиядан[13] 26бет: (орун)…алышкан эле. Бул (гун) түрктөрүнөн мурун, алардын түндүк тарабында румдар[14] болушса дагы, түрлүү уруктар көп болгон. Түрктөр ал жерге туруу менен бир канчалык көп элдерди багынтып, Азия жана Жаврупа …йакадан жер алышкан. Азыркы убактыда… Балкан согушу жана Жаврупа согушунан кийин, бир канчалык жерлерин башка мамлекеттер алып кетишти.

Ийсанын туулганынын 2500 жыл чамалуу доордон мындан 4500-5000 жыл чамалуу илгери азыркы түрктөрдүн ээлеп турган жеринде …калктары болгон. Бул калктар өздөрү абдан билимдүү калктар болуп, далай жер мындан орнок (өрнөк?) алышкан. Азыр иңгилиздерде (англичандар?) бабилдиктер[15] дүнүйө жаратылгандан биринчи …доорунун жана өздөрү менен бириге турушкан жөөт[16] элдеринин тарыхын жазып алышкан. Берсиянын (Персия?) падышасы (Кир) бабилдерди (вавилондуктар?) жеңгенге чейин адабиятын сактап келишкен. Финикиядан алынган латын тамгалары Бабилондордун асарлары болууга керек. Илгерки бабилдиктердин туруп, шаар салган жерлери азыркы убактыда бузулуп, чалдыбары калганын көрүшкөн. Бабилондордун жеринде жыгач, таш жок болгону үчүн үйдү саман аралаштырып, балчыктан салышкан. Баабил жерлеринен балчыктан жасаган жука такталарга жазылган китеп, күбөлүк кат, мыйзам өңдүү баабил элинин жазуу тамгаларын табышып[17], жаврупалыктар музейге койушкан. Мындан 2600 жыл мурун Бабилондун 28-бет: пашасы (набукудунусурумдун) жөөт (еврейлер) ….н падышалыгын жеңип, туткун кылып турган[18]. Ушул убактыда жөөттөр өзүнчө айрым улут болсо дагы, көп нерселерин кабыл кылышып алышкан. Бабилондордун аркы түбү (сам) коомунан болгон.

 

[1] Башкача айтканда Могул. «Ал [Алынджа-хан] да көп жыл бийлик жүргүздү. Ата-бабаларынан [анын энчисине тийген] мамлекет (вilajатлар) жана эл (il улуслар) көбөйдү. Анын бири Татар, экинчиси Могол деген эгиз уулу болгон. Картайганда атасы журтун экиге бөлүп, аларга берди. …Алынджа-хан өлгөндөн кийин Татар менен Могол өзөз жеринде бийлик жүргүзүштү. Могол хандан – биринчиси Кара хан, экинчиси Гур хан, үчүнчүсү Кыр хан, төртүнчүсү Ур хан деген – төрт уул. Могол хан да өз журтун улуу баласы Кара ханга тапшырып, кетээр жагына кетти. Кара хан Ур-таг жана Kop-таг деген тоолорду жайлачу; ал азыр Улуг-таг жана Кичик-таг деп аталат. Кыш түшкөндө Сыр-Дарыянын башына, Кара-Кум жана Бурсукта кыштаган» (к. Абул-Гази бахадур хан. Родословие тюрков. Казань. 1908). Түрктөн Түтүк, андан – Элче хан, андан Бакай хан, андан – Күйүк хан, андан Алынча хан, андан – Татар, Могул – эки уул. Могулдан – Кара хан, Кара хандан Угуз. Угуз хандан 10 уул болгон. Алтоо – улуу катындан. 4 уул экинчи катындан. Бүтүн Азия, Кытай…, Мисир, Орустарга чейин каратты. Кол алдындагыларды мусулман кылып, тек турбастан өмүр сүрдү. Ошондуктан «Тек турбас ата» деген атка конду (Сыдыков О.Кыргыз санжырасы).

[2] Аланча хандан эки эгиз уул төрөлдү, ысымы Татар, Магул делди. Экөө эки падыша болуп, элди экиге бөлдү. Татар өзүнөн баштап жети уулуна чейин падышалык кылды, аттары бу: Бука хан, Жылаанча хан, Аттуу хан, Атсыз хан, Ордо хан, Байду хан, Сүйүнчү хан. Хандык мына ушундан кетти (Сыдыков О. Аталган китеп) .

[3] Тарыхый  маалыматтарда oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк менен алгач 15-к-да ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, саясий конфедерация түзүшкөнү айтылат. Б. а. ушул уруулардын бирикмеси ойроттор (калмактар) деп аталат. Экинчи көз караш боюнча ойрот «токой адамдары» дегенди билдирет.

[4] Азыркы Алтай республикасын айтып жатат. Ал 1922-ж. Россия Федерациясынын составында Ойрот АО болуп түзүлгөн. 1948-ж. Тоолуу-Алтай АО, 1990-ж. Тоолуу-Алтай АССРи, 1991-ж. Тоолуу-Алтай республикасы, 1992-жылдан Алтай республикасы.

[5] Азыркы Пекинди айтып жатат. Бирок кээ бир кыргыз санжыраларындагы  840-ж. чейин  Уйгур кагандыгын борбору болгон  Бешбалык ш. (кыт. Бейтин, перс. Педжикент) дагы Пекин деп түшүнүү туура эмес. Эгер Манас чын эле Пекинди алса, ал сөзсүз Кытай хроникасында калмак.

[6] Алтышаар деп адегенде Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаңы-Гиссар, Жаркент (Йаркенд), Котон (Хотан), Аксуу жана Кучаны айтышкан. Жакыпбек Баадөөлөттүн («Йакуббек  бадавлат»,  «бай  дөөлөт» – дөөлөт ээси) тушунда буга Карашаар кошулуп (1867), мындан ары Жетишаар деп аталып калган. Алгачкы жолу Мухаммад Садык Кашкаринин «Тазкира-ий азизанында» («Азиз инсандардын баяны») «Төрт шаар» («түрт шэхэр») формасында кезигет.

Сөз б. з. ч. 3-кылымдардан баштап кытай тарыхый хроникаларында көп кезиккен «хун» («сюн») уруулар бирикмеси жөнүндө болуп жатат. Алардын падышасы Огуз хан (кыт. Модэ шанүй б.з.ч. 234-174) болгон. Б. з. 2-кылымдарында алардын ээлиги Кара-Деңиздин түндүгүндөгү талааларды камтыган. 4-кылымда Днепр, Днестр дарыялары аркылуу бир жагынан Кичи Азияга, экинчиден Батыш Европага жылып, 451-ж. Галлиядагы (Каталаун талаасы) салгылашууда римдиктер жана алардын союздашы вестготтор талкаланган. Аттиланын тушунда эң күчтүү уруулар бирикмеси болуп саналат. Бирок, б. з. 4-5-кылымдардан тарта гундар жөнүндөгү маалыматтар кезикпей калат. Автор санжырасында көптөгөн хроногиялык жылдарды чаташтырууга жол берген.

[7] Хорезм шахы (1200-1220) Ала ад-Дин Мухаммед IIни (перс. ????????? ????? – Al? al-D?n Muhammad, толук аты – Ала ад-Дунийа ва-д-Дин Абу-л-Фатх Мухаммад ибн Текеш 1169-1220) айтып жатат.

[8] Хиваны айтып жатат.

[9] 1299-1923-ж. өмүр сүргөн көп улуттуу мамлекет. Официалдуу аталышы – Улуу Осмон мамлекети (???? ????? ???????? – Devlet-i ?liyye-i Osm?niyye). Европалыктар Оттоман империясы, Улуу (Жарык) По?рта же жөн гана По?рта деп аташкан.

[10] Константинополь – Стамбул.

[11] Сөз Осмон империясы жөнүндө болуп жатат.

[12] Башкача айтканда Византия. Император Феодосий өлгөндөн кийин Рим империясы Батыш жана Чыгыш болуп экиге бөлүнүп, анын уулдары – Гонорий Батышын; Аркадий Чыгышын алган. 476-ж. Батыш Рим империясы куласа, борбору Византиум (Константинополь – азыркы Стамбул) болгон Чыгыш Рим империясы тескерисинче күч алып, чек арасы түрктөр менен чектешип калган

[13] 19-20-кылымдардагы Крым, Балкан жана дүйнөлүк биринчи согуштарды айтып жатат.

[14] Вавилон.

[15] Еврей.

[16] Байыркы Вавилондун тарыхы, жазуу маданияты жөнүндө айтып жатат. Ошо кездеги массалык маалымат каражаттары аркылуу тааныш болушу мүмкүн.

[17] Байыркы Вавилондун падышасы (б.э.ч. 605-562-ж.) Навуходоносор (Набу-кудурри-уцур). 605-ж. Сирия менен Палестинаны, 597-ж. Иерусалимди каратып, Иудей падышалыгын жойгон жана 587-ж. 3, 586-ж. 9 миң еврейди туткунга айдап кеткен.

[18] Жогорудагы Шаа (шейх) Мансур тууралуу түшүндүрмөнү караңыз.

Фасил кыргыз тууралуу

Ал кыргыз Угуз кан тукуму Тагын кандын уулу болуп, кыргыздын Сафар шаа, Түркмөн деген эки (2) уулу болду. Түркмөн тукумдары Жамил, Кыйба тарабында теке түрктөрү болуп, чоң шаары Ашхабат шаары болот.

Сафар шаадан[1] Алаш, Булаш, Бурат деген балдары болуп, бурат тукуму Байкал көлүнүн 31-бет:, Алаш түрктүн 13үнчү уулу алаш барча кыргыз-казак атагында эл болуп, «керегебиз агач (жыгач), түп атабыз Алаш» деген атак сөз ошондон калган[2].

Кыскасы Нухдун 922 (222) уулу Аалыкан болуп, мындан Арыстамбек, Үрүстөмбек деген эки уулу болду.

Үрүстөмбек балдары ичкерлик атанып, Кыба, Букар, Самаркант, Анжиян, Сарыкол, Кеңкол, Опол тоо, Кашкар тарабында турган каракалпак, сары калпак, кайчык, курама, кара тегин, кандуу кызыл, тынымсейит, ачак (апак), кыдырша деген уруктар болуп, булар өзбек-сарт жана башка элдер менен аралаш туруп, кыргыз уругунан экенин кайсысы 32-бет: билсе, кайсысы билбей[3] калган өздөрүнүн адабийатынын аздыгы себептүү. Арыстамбектен Байчоро, Жанчоро, Карачоро деген үч уулу болду. Жанчородон аргын, найман, коңурат, кыпчак деген уруктар болуп, Орто жүз аталды.

жоош Амрак отурат. Көп өтпөй ал тагын Шетуга бошотуп берет. Шету Ил-күлүк-шад Бага Ышбара хан (элдин [ил – держава] даңктуу, Бага – улуу, Ышбара – күчтүү) деген титул алган. Кытайлыктар жакпаган адамына ылакап кылып, жаман ат коюу адатынан жазбай, аякы «ло» деген мүчөнү  «лио» (каракчы) деген иероглифке айландырып жибергендиктен, ал Шаболио деп аталып, ал хан тарыхта ушундай, өзүнө жарашпаган ат менен калат». (кара: Гумилев Л.Н. Древние тюрки. М., 1993). Аланча хан тууралуу кошуна элде да көптөгөн аңыздар калган. Алардын биринде түрк тилинде сүйлөгөн 32 уруунун бир ханы ала оорулуу болуп туулган баласынын атын Алача коюп, Сыр-Дарыянын аркы өйүзүнө алып барып таштайт. Кийин бала аман калып, даңкы чыкканда эли көбөйөт. Кыргыз менен казактын Алаштан тараганы жөнүндөгү да маалыматтар көп (кара: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б.,1993). Казак элинин санжырасында Түрктүн үчүнчү муундагы уулу Аланча хан болгон (Шакарим Кудайберды-улы. Родословная тюрков, киргизов, казахов и ханских династий. А., 1990). Алача тууралуу легенданы А.И. Левшин да эскерет (кара: Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996.146-147-бб.).

Карачородон алчын, жаппас, чөмөкөй, дуулаткелди, кызыл курт, айдас, балта, куракты, атачал, жагалбайлы деген уруктар болуп, Кичи жүз аталды.

Байчородон Жамамбай, андан Кийикбай, андан Төбөй, андан Майкы, Коогам, Мекреил, Койулдур (4) угул болду[4].

Мекреилден 33-бет: миң, жүз деген Кокон, Наманган тарабындагы казактар болгон. Койулдурдан кырк жүз деген уруу. Түпү Букара тарабындагы казактар. Майкыдан Улуу жүз атагындагы чапырашты, дуулат, сары үйсүн, ышты деген, жана дагы башкалар[5].

Коогамдан барча кыргыз атагындагы эл болуп, булар эң түп атасы болгон Кыргыздын атагын чакырып калды. Казак туугандарыбыздын кыргызга жакын болуп туруп, казакпыз деп айтуусуна себеп, казак деген аталарда болгон эмес. Чыңкыс кандын уулу Жуучу[6] кан болуп, азыркы Казакстан аталган жерге Чыңкыс кандын тапшыруусу менен кан болуп турган. Анын уулу Шайбан кандын[7] убактысында 34-бет: Шайбан кандын бир нече уулдары болуп, кыргыз жигиттер менен дайым ойун тамаша менен арак-шарап ичип, ит агытып, куш салып жата беришти. Ушул себептүү казаклар деп айтылыптыр1. Раки (?) деген тил ракатта жашачу деген сөз болуп, түрктүн кабыр жеринде семиз кой, семиз жылкы жана башкаларды айтат.

Жүзгө бөлүнүү, жүз деген ата казакта болгон эмес. Кыргыз-казак уругунан 1463үнчү жылында Мукаммет кан2 деген кан болгон. Бул кан калмак менен чабышканда, барлык элин уругу эсеби менен үчкө бөлүп, Улуу жүз, Орто жүз, Кичи жүз деп айткан. Ушу себептүү атанып кеткен. Ал убактыда биздин кыргыз арткандарынын колунда болууга керек. …(15) ынчы асирдин (кылым) башынан тартып, казак ичине 35-бет: Касым3 кан деген болуп, андан кийин Шыгай1 кан, кан болуп, анын уулу Тооке2 кан, анын уулу Эшим3 кан болуп, 16-асырдын башынан 17-асырдын аягына чейин кан болушуп, Казакстандын көп жерин, Ташкен, Түркстанды бийлеп турду. Касымкандын кашка жолу, Эшим кандын эски жолу деген сөз ошондон калды[8] деп, Түркстан тарыхында жазат бир окуяны жазган киши[9]. Көбөйтүп ачык кылып жазган эмес. Ошол убактыларда калмак жана өзбектер менен чабышып турушкан. 18-асырдын башында 1723чү жылдан баштап, Жайык орустары (? «Жайыкка [Урал суусу] орустар» болуш керек) келе баштап, 1731инчи жылы Кичи жүз жана Орто жүздөн баштап, Абулхайр[10] төрө деген кан оруска букара болду. 36-бет: Улуу жүздүн бийлиги ушул убактыда Абулай[11] кан жана анын балдары бийлеп турушту. Ушул Абулай кан жана анын тукумдары болгон Касым жана Кенесары[12] кыргызка жоолап, бир нече жолу кыргызды чаап жүрүшүп, эң акыры Кененсары, Норузбай төрөлөр баштык бир канчалык чаап, казактардын кысасы Чүй суусунун Токмок шаарына жакындап, барган жери түн жак жакасындагы Май-Дөбө деген жерде болуп, кыргын табышкан.

….ушундай болуп, кыргыз-казак экөө бир атанын баласы болуп туруп, илим-билиминин жоктугунан кан төгүшүп, эл чабышып, көбү азын талап алып жүрүшкөн. Бул чаап, кан төгүшүү ал убактыдагы кыргыз 37-бет: казактын сөөгүнө сиңген адаты өңдүү болгон.

Кыргыздар ушул убактыда сартка караштуу болуп1, алман берип турушту.

  • «…Абылкайыр деген хан Жуучу улусунун күн чыгыш жагын 1552-жылдан 1555-жылга чейин бийлеп турду. Ошол кезде ар уруудан кошулган кыргыз-казак деген эл бар эле. Мааниси дагы «өз эрки менен» жүргөн деген сөз» (кара: Шаакерим Кудайберди уулу. Түрк, казак, кыргыз жана хандар шежиреси. А., 2004). Казактардын аталышы Мухаммед Хайдардын эмгегиндеги («…Дешт-и Кыпчак толугу менен Жучунун тукуму Абу-л-Хайрдын колунда калганда, …Урус-хандын тукумунан чыккан Жаныбек менен Керей хандар Абу-л-Хайрга каршы чыгып, 1458/59-жылы анын улусунан бөлүнөт да, Моголстанга, Эсен Бука ханга качып келишет. Эсен Бука хан аларды жакшы тозуп алып,

Чүйдүн жээгиндеги Козу-Башы деген жерди берет. 1469/70-жылы Абу-л-Хайр хан каза болгондо ал жерде чыр-чатак башталып, анын улусунан бөлүнгөндөр Керей менен Жаныбек ханга келишет. Алардын алдындагы эл ошону менен 200 миңге жетип, ушундан баштап алар «өзбек-казактар» деп аталып калышты…» кара: Тарих-и Рашиди. А., 1999)  «казактык кылуу» («казакование») – перс-чагатай тилиндеги «каракчылык кылуу»  деген түшүнүк аркылуу кабыл алынган деген пикир басымдуулук кылат (кара: Ибрагимов С. К. Еще раз о термине «казак». Труды ИИАЭ АН КазССР, Т. 8. Новые материалы по древней и средневековой истории Казахстана. А.-А., 1960).

  • Бул жерде балким Хизр Ходжа хандын экинчи уулу Мухаммед ханды (Моголстандын ханы 1408-1416), айтып жатат болуш керек (кара: Бартольд В. В. История турецко-монгольских народов. Соч. Т. V. М., 1968.). Бирок анын казактарды үчкө бөлгөнү илимий түрдө аныктала элек.
  • Казак ханы (1455- 1518 же 1523/1524). Абу-л Гази хандын маалыматы боюнча Жаныбек хандын уулу, б.а. Жуучу хандан Токой-Темир (Тука Тимур), андан Уз-Тимур, андан Кожо (Ходжа), андан Бадакулоглан, андан Орус хан, андан Койурчак хан, андан Барак хан, андан Жаныбек хан, андан Иренжи, Махмут, Касым, Адик, Асик, Жаныш, Таныш, Камбар, Жадик деген тогуз уул.

 

  • Жадик султандын уулу (1500-1582) – казак ханы (1580-1582).
  • Автор жаңылып жатат. Тооке хан (1680-1715) Эшим хандын небереси, б. а. Эшимден Жааңгер, андан Тооке.
  • Шыгай хандын уулу (1598-1628).

[1]Казактарда «Алаш» («Алаша»), кыргыздарда «Алач» («Алача»), Балыкооздун санжырасында «Ай-ааламды алган Аланча хан» формасында кезигет. Бул чыныгы тарыхый инсан болушу мүмкүн. Моголстандын ханы Султан Ахмад ханды (15-кылым) да калмактар «Алача хан» («Башкесээр хан», «Каничээр хан») деп аташканын эске алсак (салыштырыңыз: «Аланча» – каракчы, «Алача» – каничээр) кытай тарыхындагы Шаболиого окшошот. «…581-жылдын аягында түркүттөрдүн ханы Арслан Тобо хан өлүп.., анын ордуна дарамети начар,

[2] Мындай абалды же кыргыздардын бөлүндү болуп калышын Балыкооз да белгилеп, араб, ирандыктар келгенден кийин, ислам динине киргенден кийин Ташкент, Кожокент, Пскент, Сайрам, Маңкент Карабулак Машат, Чолок-Коргон сыяктуу шаарларда өзүн унутуп койгон кыргыз-казак бар экенин түшүндүрөт (кара: Балыкооздун санжырасы. Б., 2009)

[3] Илимий изилдөөлөрдө да кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу сакталып келгени жана анын себебине кыргыздарга алтайлыктардын этникалык тобунун тийген таасири тууралуу пикирлер айтылат (толугураак карасаңыз: Юнусалиев Б.М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка. Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР, 1956, вып. VI).

[4] Мунун варианттары көп. Мис., Улуу жүз казактары Арслан бийдин эң улуу уулу Байчородон. Байчоронун эки уулу болгон. Уйсун, Уйсул деген. Уйсундан Абак туулган. Уйсулдан Тарак туулат. Тарактан жалайыр, шергели казактары тарайт (кара: М. Кыпчаков. «Кыргыз атындагы китеп» (Аз китаб кыргыз намэ) КР УИА Инв. № 139).

[5] Майкы бийден Каңлы, Бактияр, Кыркжүз, Миңжүз. Бактиярдан Уйсун. Уйсундан Аксакал (Абак), Жансакал (Тарак). Абактан Карача, андан Байдыбек… Байдыбектен: Албан, Дуулат, Субан, Чапырашты, Сарыуйсун, Очоктуу, Ышты (кара: Кожабек уулу Байзак. Тарихи таним. А; 1994).

[6] (1182[5]-1227-ж. – Чыңгыз хандын тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. 1207-08-ж. Енисей кыргыздары, Алтай,  Тува, Дешт-и Кыпчактын чыгышын Моңгол империясына кошкон. 1219-ж. Бухара, Самарканд, Хорезм, Кожент, Отрар, Үргөнч ж. б. шаарларын алууга катышып, Сыр-Дарыянын төмөн жагындагы Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. шаарларды өзүнө каратып алган. Калкадагы салгылашуудан кийин (1223) Чыңгызхан ага Дешт-и Кыпчакты – Хорезмден Урал тоолоруна чейинки жерлерди энчилеген. 1226-27-ж. Дешт-и Кыпчактын батышын толук багындырган. Кээ бир маалыматтар боюнча Чыңгызхандын жашыруун буйругу менен өлтүрүлгөн.

[7] Абулхайр хандын небереси, Шахбудаг султандын уулу, шейбаниддер (Шейбани – Мухаммед хандын адабий псевдоними) династиясын негиздөөчүсү Абу ал-Фатх Мухаммад, Шахи Бек Өзбек, Шайбак, Шахбахт, Мухаммед Шейбани (1451-1510) ханды айтып жатат.

[8] Бул башка санжыраларда да бекемделет. Мисалы, Балыкооз: «… Ислам дининдеги хандардан «эңеше бойлуу эр Эшимдин эски эреже, адети» дейт эл. Эр Эшим 17 инчи кылымдагы казак-кыргыздын ханы. Самаркан, Фергана, Ташкен – ушул шаарларды өзүнө каратып алган. Эшимкан казак-кыргызга хан болгондон кийин Оторкан, Бараккан салып кеткен жолду, адетти колдонгон. «Эңеше бойлуу эр Эшимдин эски эрежеси» деген сөз ошол. Мурунку эски эрежени, адетти колдонгон үчүн айтылып калган сөз, эл оозунда» дейт.

[9] Бул маалыматтар менен балким 1911-ж. Оренбург ш. жарык көргөн Шаакерим Кудайберди уулунун «Түрк, казак, кыргыз жана хандар шежиреси» аркылуу тааныш болсо керек

[10] Кичүү Жүздүн ханы (1693-1748), Кажы (Ажы) султандын уулу, Россия империясынын кол алдына кирүүгө 1731-ж. ант берген.

[11] Барак хандын тогузунчу муундагы тукуму. Тарыхта Абулай, Аблай деген аттар менен да белгилүү. 1711-1780-ж. жашаган. Орто Жүздүн ханы (1771-80). Баласы Вали да Орто Жүзгө хан болгон (1781-1821).

[12] 1802-ж., Казакстан, Көкчө-Тоо аймагында туулуп, 1847-ж. Токмокко жакын Май-Дөбө, «Текеликтин сеңири» деген жерде кайтыш болгон. Казак хандыгынын акыркы ханы (1841-47), Абылай хандын небереси. Касымдын улуу аялынан К., Бопуй ж. б., кичүү аялынан Ноорузбайлар туулган. Падыша өкмөтүнүн 1822-жылдагы «Сибир казактары тууралуу» буйругу м-н орто жүз хандыгы жоюлса, Казакстандын түштүгүн Кокон хандыгы карата баштаган. Кокон ханынын буйругу м-н К-нын агасы Саржан (1836), атасы Касым төрө (1840) өлтүрүлүп, орус бийлиги Убайдулланы Сибирге айдалган (1839).

Төбөй балдары

Байчоронун 4үнчү уулу болуп, мындан Майкы, Коогам, Мекреил, Койулдур – бир тууган деген элек. Мекреил, Койулдур байаны кыскача байан кылынды. Майкыдан Улуу жүз атагындагы казактар болуп, келечекте байан кылабыз.

Коогам балдары

Коогамдан Барак хан кан болуп өттү. 38-бет: Андан Габыр кан, андан Галидин, андан Арсылан, андан Кылыми бий, андан Шабыр бий, андан Темуш бий, андан Арстам бий, андан Атан бий, андан Назар, андан Шүкүр бий, андан Санкин бий, андан Сары бий, андан Омболбий, андан Долон бий1. Бул Долон бий деген киши Магул кандын убактысында болгон.

Магул тукумунан Чыңкыс кан деген кан болду. Бул кандын өз аты Темучин эле. Бул кишини бир нече урук эл кан кылып, түрктүн мурунку адаты бойунча бир нече урук баштыктары ак кийизге салып көтөрүп келип, тактыга олтургузуп, кан шайлаган. Ушул убактыда атын Чыңкыс кан деп койуптур. Чыңкыс кан деген сөз 39-бет: адил кан деген сөз эле. Бул киши өзү абдан баатыр болуп, Эртишти бойлоп, көп элди багындырып, Кытайдын көп жерин өзүнө караткан жана Кытайды барып, басып алып турган. Мына ошол убактыда кыргызды бийлеп турган Арзы төрө дегенге (9) шумкар тартуулук жибергенден кийин, кыргыз Чыңкыс канга таттуулук менен Арзы төрө башы болуп, карап кетти[1]. Мындан кийин Чыңкыс кан Супатай, Курамыш деген вазирлерин кошуп, Арзы төрөнү Ала-Улуу, Жайсаң деген жерге жумшаган. Барып, багынтып келүү үчүн Ал-Уулу Жайсаңга барган. Кайта келбесин билип, Долоон бий барбай калып калган. Ал-Уулу Жайсаңга барган элден кайта келбей калган. Мындан кийин Чыңкыс кан бүткүл Азияны жана Жаврупанын 40-бет: бир бөлүмүн каратып, Харазими алшахи аталган Мукаммет канды 1217-жылында жок кылган. Бул Чыңкыс кан элди жерини ыгына карата бөлүп[1], өзүнүн балдарынан кан койгон. Магул тукумдары илгертен күчтүү эл болуп, Кытайды барып, чаап алып турган. Кытайлар магулдардын чабуулунан сактануу үчүн узундугу 2000 чакырым кылып, дубал салышкан[2].

[1] Мындай маалымат Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихинде» («Тарыхтар жыйнагы») да кезигет. Санжырачынын аны менен тааныштыгын тактоо мүмкүн эмес. Ошондуктан толук бердик (бирок анын бир нече [Стамбулдук, Ташкенттик ж.б.] тексти бар экенин эскертебиз): «Коён жылы (б.а. 1207-ж) Чыңгыз хан кыргыз эмирлери менен акимдерине бири Алтан, экинчиси Бура деген 2 элчи жиберди. Адегенде алар (…) деген биринчи аймакка келишти, анын эмиринин аты (…) эле. Анан Еди-Урун (бул аталыш ар башка тексте ар башка берилген. Мисалы, 1) ити-афрун, 2) афзун, 3) ииди-аурун. Ошондуктан котормочулар да ар башка которгон. Мисалы, И.Н. Березин боюнча Еди-Урун – ЖетиОрун, А.А. Семеновдо Ети-Мурэн – Жети-Суу) аталган кийинки аймакка келишти, анын эмирин Урус-Инал дешкен. Эки эмир тең аталган элчилерди урмат-сый менен тосуп алып, кайтаарда аларга ак шумкар [сункур-и сапид] кошуп, биринин аты Илик-Темир, экинчисиники Аткирак деген эки элчи жиберип, Чыңгыз ханга баш ийишти». Ал эми «Сокровенное сказание» (Козин С.А. котормосу, М.-Л., 1941) боюнча: …Ошондо Чжочиге (б.а. Жучу) кыргыз нойондору Еди, Инал, Алдиер жана Олебек-дигин келди. Алар баш ийгенин билдирип [били государю челом], ак шумкар, ошондой эле ак боз ат [белыми же меринами] жана ак булгун тартуу кылышты.

Ушуга байланыштуу казак султандары Абылайдын тушундагы хандыкты кайра калыбына келтирүү үчүн Россия жана Кокон хандыгы менен күрөшкө чыккан. Кенесары Россия империясынын басып алуу саясатына каршы аскер жүрүштөрүн уюштурган. 1838-ж. Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып, өрттөшкөн. 1841-ж. Кокон хандыгынын карамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Мечит чептерин кайра алган. 1843-жылдардан баштап орус аскери ага каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаганда, Жети-Сууга ооп, бул жерден басып алуучулук, талап-тоноо, зордук-зомбулуктарга жол берген. Орустарга каршы күрөштө алынан тайган Кенесары кыргыздарды өзүнө каратып, алардан салык алып, күчтөнүп, кайрадан орустарга кол салууну улантууну көздөгөн. Ормон хан башындагы кыргыздар анын бул сунушунан баш тартканда, кыргыздарга 2 жолу кол салган (1846, 1847). Акыркы чабуулунда казактын колу Токмок шаарына жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Алмалуу-Сай деген жерден колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда анын башын казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары кесип алган.

[1]Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергенин («Улус арба’а») айтып жатат.

[2] Улуу Кытай дубалы (чынында Кытайдын Улуу дубалы деп которулуш керек эле), көчмөн элден коргонуу үчүн б.з.ч. 4–3-кылымдан тарта курула баштаган.

1 Кокон хандыгын айтып жатат.

Долон бий

Долон бий Домбулдун уулу болуп, Кочкордун түштүк жагынан келген Жоон-Арык деген суунун өрдөп барган жеринде, белге жакын Сары-Булак деген жер бар. Ошол жерди жердеп туруп өттү. 41-бет: Бул кишинин кабыры Кочкордон Нарынды көздөй ашкан белдин өзүндө болуп, Долон ашуусу, жаки Долондун бели деп айтылат. Бул кишинин дүнүйөдөн өтүшүнө 13үнчү асырдын башында болуп, (700) чамалуу жыл болгон. Долондун уулу Эркалпак, анын уулу Муратай, анын уулу Телгозу, Каракозу – 2 уул. Каракозудан чоң багыш уругу болуп, Кытайга караштуу Кашкар тарабындагы турган эл. Телгозудан Сатке бий болуп, бул киши кийимди кооз кийинип жүргөн үнөн бир теңтушу сен Жанкорозсуңбу деп тамаша кылыптыр. Ошондон лакап ысмы жамы багыш Жанкороз болуп атанып кеткен. Сатке бийден Агуул, Кызыл уул деген – 2 уул болуп 42-бет: ….уулу дайым ит агытып, куш салып, бүркүт салып, жылкы тийип жүрүүчү. Ошол себептүү келиндери Куу аке деп тергегендиктен, кубул деп, агуул – кубул деген шул себептен болуптур.

Кубул тукуму сол атанып, Кытай кол алдында болуп калды. Атактуу уруу катары аскалы, хандабас, мычак (мачак), кулун, фычына (пичене), килет?, кушчу, мундуз деген уруктар бөлүнөт.

…багыш тукуму көп болуп кетүүсүнө кийин жагында айтылып, Жанкороз өзү кооз кийинүүдөн айтылган[1]. 43бет: Агуул, Кубул балдары Оң аталды. Аталышына себеп, Кочкорду жердеп, бир күнү жайлоого чыгабыз деп, кеңеш кылышты. Кубул айтты, Кара-Кужурга чыгабыз деп. Агул айтты Мамбет акем кайака чыкса, мен ошол жакка чыгамын деп. Мамбет акем деген ошо убактыда сыйлай турган кадырлуу кишиси эле. Мамбет бул экөөнүн көңүлү оң жакты самап турганын билип, экөөнүн малынын эсебин сурады. Экөө малынын эсебин айтты. Агуул балам, сен оң жагымдагы Соң-Көлгө чыккын, Кубул балам, сен сол жагымдагы Кара-Кужурга чыккын деп айткан. Ошо себептүү Агул тукуму Оң аталып, Кубул тукуму Сол аталган жана өздөрү ушул эки жайлуу, 44-бет: өзүнө караштуу айыларын бөлүп алып, жайлашкан.

[1] Долон бийдин Агул аттуу аксакал уулу тазалыкты сактаган, жакшы кийинген, ичинген, жанын абдан баккан киши болгон экен. Ошондуктан эл ага Жанкороз деген наам беришет. Бир күнү Долон бийдин бардык балдары чогулуп, эми өзүбүзгө ураан коелу дегенде Агулдун балдары; «биздин урааныбыз Жанкороз эле болсун» дешет (кара: Абдырахманов Ы. Кыргыздардын келип чыгышы. КР УИА КЖБ. Инв. №116 (319).

[1] Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергенин («Улус арба’а») айтып жатат.

[1] Улуу Кытай дубалы (чынында Кытайдын Улуу дубалы деп которулуш керек эле), көчмөн элден коргонуу үчүн б.з.ч. 4–3-кылымдан тарта курула баштаган.

Агул балдары

Агуул балдары Адигине, Тагай, Муңкуш – 3 уулу болду. Тагайдан Богорстон, Койлон, Кылжыр, Карачоро деген 4 уулу болду. Жана дагы Тагай бий кадырлуу киши болгондугу үчүн, моңолдор, черик, азык, сайак деген кишилер келип, бала болушкан. Тагайдын тондуу уулдары менен барлыгы (…) уулу болду. Акыркы жетөөнү кыргыздын эски адат сөзү боюнча жетигул[1] деп да айтышчу эле.

45-бет: Адигине тукуму Анжиян тарабында болушуп, сарт, баркы, бөрү, көкчө уулу, олжоке, тооке, сабай, жору, ардай, мөнөк уруктарга бөлүнөт.

Мункуш Агулдун уулу болуп, бул Мункуш тукуму дагы Анжиянга туруп калган. Эрке кашка, төлөйкөн, мангыт, көкжатык, соколок, жапалак, кодогочун, жоош, жылкелди, сарлар, тееке, букара, татар деген бир нече уруктарга бөлүнөт. Бул эки урук элдин турган жери Анжиян, Кокон тарабында болуп, 19унчу асырдын айагы ченде Алымбек деген адигине баркы уругунан кан болуп, Ош шаарына бир медресе салдырып, Коконго кан болуп туруптур жана бул кишинин Курманжан датка деген 46бет: аялы, өзү өткөндөн кийин датка, йагни кан болуп[2] ордуна шайланып олтурган. Абдулдабек, Маматбек, Баатырбек, Асанбек, Камчыбек деген балдары болгон.

[1] Жетигул уруулары негизинен сарыбагыш, солто урууларынын ичиде кездешет.

[2] Курманжан датка Маматбай кызы (1811, Алай – 1. 2. 1907, Ош ш-на жакын Мады кыш.) – кыргыз аялдарынан чыккан белгилүү коомдук ишмер. Алымбек датканын аялы. Коомдук иштерге күйөөсү өлгөндөн кийин аралаша баштаган. Атасы Маматбай муңгуш уруусундагы жөнөкөй эле киши болгон. Биринчи жолу жоош уруусунан Кулсейит (Кулу Садыяров) дегенге чыгып, бир жыл жашагандан кийин аны чанып кеткен. 1832-ж. Алымбек менен таанышып, турмушка чыккандан кийин таасирдүү кеңешчисине айланган. Кокон хандыгындагы так талашууга байланыштуу чыр-чатактын биринде Алымбек датка өлтүрүлгөн. Ушундай себептерден Букардын эмири Сейит Музаффар-эддин аскер менен Ошко келип, алайлык кыргыздарды өз жагына тартуу үчүн датка наамын Алымбектин улуу уулу (Курманжандын өгөй уулу) Жаркымбайга сунуш кылган. Бирок, бул жердеги белгилүү бийлер Осмон, Өмүрбек, Акимбай ж. б. кеңеши боюнча Жаркымбай ал наамдан баш тартат. Натыйжада эмир аны Ош ш. аким кылып, Курманжанга датка наамын ыйгарган.

Тагай бий балдары

Тагай бийден Богорстон, Койлон, Карачоро, Кылжыр деген 4 уулу болду жана да моңолдор, черик, коңурат, азык, саяк, (…) барың жетөө – Тагай бийге өздөрү келип, болгон тондуу уулдары болгон. Баарың Тагай бийдин уулу Карачоро менен энелеш болуп, түп атасы сарт болгону үчүн ителгинин баарыңы өңдүү деп айтышкан. Атасы сарт, энеси кыргыз болгону үчүн 47-бет: Тагай бийдин убактысында сартка караштуу болуп турду. Ошол себептүү Тагай бий сарттын каны Эреше2 канга барып, ак үйлүү болуп туруп калыптыр. Бир күнү Тагай бий канга саламга кириптир. Тагай бийдин мойнунда бит турганын көрүп, кан ордо кыздан жактырып, Тагай бийге бир кыз алып берген. Алгандан кийин Тагай бийден бойуна бүтүп калган. Бир күнү кандан Тагай бийдин үйүнө кетүүгө уруксаат болуп, кандан уруксат болгондон кийин, катынына мөөр шакеги менен болот кестигин берип, боюңдагы баланы аман туусаң, эркек болсо, атын Карачоро койуп, мөөр шакегим менен кестигимди берип, мени издетип жибергин. Кыз болсо атын өзүң билип койуп, ыйлабай турган 48-бет: жерине бергин деп, аркадагы үйү, элин көздөй жүрүп кетиптир. Андан кийин Тагай бийдин калган катыны эркек төрөп, атын Карачоро койгон. Карачоро чоңойду. Атасы Тагайдын осуяты, йагни тапшыруу менен атасы Тагай бийди издеп чыккан. Ошол убактыда азык көтөрүп, бир бала кошо келди жана жолдон селсайак жүргөн бир бала кошо жүрдү. Азык көтөрүп келген баланы азык, селсаяк жүргөн баланы саяк койду. Болот кестиги менен мөөр шакегинен Тагай бий өзүнүн баласы Карачорону тааныды.

Тагай бийдин андагы калган катыны бир сартка тийип, ал сарттан бир бала тууган. Ал баланын атасы сарт, энеси кыргыз болгону 49-бет: себептүү барың2 деп айтылган. Бул барың атасы сарт болгону менен энеси кыргыз кызы болуп жана Карачоро менен энелеш болгон.

[1] Курманжан датка Маматбай кызы (1811, Алай – 1. 2. 1907, Ош ш-на жакын Мады кыш.) – кыргыз аялдарынан чыккан белгилүү коомдук ишмер. Алымбек датканын аялы. Коомдук иштерге күйөөсү өлгөндөн кийин аралаша баштаган. Атасы Маматбай муңгуш уруусундагы жөнөкөй эле киши болгон. Биринчи жолу жоош уруусунан Кулсейит (Кулу Садыяров) дегенге чыгып, бир жыл жашагандан кийин аны чанып кеткен. 1832-ж. Алымбек менен таанышып, турмушка чыккандан кийин таасирдүү кеңешчисине айланган. Кокон хандыгындагы так талашууга байланыштуу чыр-чатактын биринде Алымбек датка өлтүрүлгөн. Ушундай себептерден Букардын эмири Сейит Музаффар-эддин аскер менен Ошко келип, алайлык кыргыздарды өз жагына тартуу үчүн датка наамын Алымбектин улуу уулу (Курманжандын өгөй уулу) Жаркымбайга сунуш кылган. Бирок, бул жердеги белгилүү бийлер Осмон, Өмүрбек, Акимбай ж. б. кеңеши боюнча Жаркымбай ал наамдан баш тартат. Натыйжада эмир аны Ош ш. аким кылып, Курманжанга датка наамын ыйгарган.

Моңолдор, черик, коңурат байаны

Адигине, Тагайдын Наалы деген эжеси болуп, Наалы эженин коңуркула атын Адигине Тагай жоого аттанмакчы болуп, суратып жиберген. Адигине-Тагай экөө тең бир тууган болгону үчүн Наалы эже бирине берсем биринин көңүлү калат деп, Баймоңол деген жигитине калыс берип жиберди. Кайсы убактыда Адигине Тагайдын кимиси кысталыш болсо, ошонусуна бергин деп. Наалы эженин Таманак деген тайганы Баймоңолду ээрчип, 50-бет: кошо кеткен. Баймоңол жетелеп жүргөн коңуркула аты жана тайганы менен жоонун колуна түшүп кетти. Бирок Адигине Тагай жоону чаап кайтышкан. Наалы эжеге Баймоңолдун ордуна бир киши чыгарып берди, коңуркула аттын ордуна бир бала чыгарып берди. Таманак деген тайганын ордуна бир бала чыгарып берди. Ал бала сырдаган бешиктин ичинен табылган бала болуп, андан туулган бала черик[1] болду. Коңуркула аттын төлөөсүнө келген баладан таралгандар коңурат[2] болду.

  • Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча Султан Саид хандын уулу, 1533-60-ж. Моголстанды бийлеген Абд-ар Рашид хан.
  • С. Абрамзон чогулткан маалыматтар боюнча баарыңдар Жанкороздун Куржу деген баласынан тарайт. Эсенкул Төрөкан уулу боюнча Карачоронун экинчи аялынан Багыш, андан Куржун. Куржундан Ана баарың, Кара баарың, Сары баарың, Бала баарың (кара: Кыргыздын кыскача санжырасы Б., 1995. Т. 2).

Баймоңолдун ордуна келген жигитке Наал эже үйүндө жүргөн Дор деген калмак күңүн алып берген. Мындан таралгандар моңол 51-бет: дор уругу болуп атанып кетти. Чертики[3] Четтик деген шаардан келип, тамаки жана майда бакал сатып жүрүп, кыргыз ичинен бир кыз алып, Тагай бийге бала болуп туруп калган. Мындан таралгандар чертики уругу болгон.

Карачоро бул жерге Тагай атасына келди. Бир нече жыл Тагай атасы менен туруп, акыры тукуму Анжиянга барып туруп калган. Багыш деген эл. Койлон Тагай бийдин бир уулу болуп, мындан таралгандар жедигер деп аталган. Булар аз түтүн. Турган жери Намангандын үстүндө, тоо арасында турушат. Башка солто, сарыбагыш ичинде дагы бар.

[1] Көпчүлүк санжыраларда жоодон («черүү») колго түшкөн бала экени айтылат (мисалы, Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996). Башка санжырада: «Адигине, Тагайдын Колбийке деген кичүү энесинен Меңдигул деген бала. Бетинде меңи болгон. Кыргыз салтында токол катындын баласын кулга жакындатып, «такыр курсак», «түпкө жатар» деп караган. Анткени менен атанын «көкүрөк күчүгү» делип, атанын үй-мүлкү анын колунда калат. Черикти токолдун тукуму-кул деп жүрүшкөн. Бирок, чоң көрөңгө Черикте калган экен. Төрт болуш эл. Теңи Ат-Башыда, теңи Какшаалда, Тоюн-Чөл деген жерде болот. Ар жерде аздан жүргөн да чериктер бар. Меңдигулдан Эшим. Чердегей бала ушунун тукуму Черик аталат» (кара: Ы. Абырахманов…).

[2] Башка уламыштарда да Адигине-Тагайдын Наалы деген эжесинин коңур (коңур кула, коңур ала) атынын байгесине бир бала тийип, андан тарагандар ошол аттын түсүнө байланыштуу аталып калганы айтылат. Мажму ат-Таварихте 92 боолуу өзбектин (илатийа) бир уруусу катары эскерилет. Оозеки фольклор боюнча таңатар, андан куттук, кечмелик деген урууларга бөлүнөт.

[3] Башка санжыраларда Чертки, Чертике да болуп айтылат.

Кылжыр балдары

Кылжыр Тагай бийдин уулу болуп, өз аты Сарбагыш, мойну кылжыр себептүү Кылжыр атанган. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөс деген эки уулу болду. Орозбактын Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген 4 уулу болуп, барча бугу деген эл ошол төртөөнөн тараган.

Дөөлөстөн Токо, Жантай, Элчибек, Манап деген 4 уулу болду. Токо, Жантай экөө улуу катындан болуп, улуусу Токо. Токонун балдары Каракурсак аталган. Булар аз түтүн болуп, тынай элине жана абыла, сабыр, чагалдак деген өсүк, чечей, молой, беш көөрүк деген жети, 7 тондуу уулдары болуп, булар баарысы тең сарыбагыш ичинде 53-бет: болуп, барча сарыбагышты көбөйтүп жаткан мына ушулардын балдары болот. Токо өз убактысында чоң болуп, сарбагыш уругунда эң мурун чыгым салып, элден жыйнап алыш Токодон калды.

Каратоко Манап ай,

Алдың эле алды артыңа карабай,

Эми бере-бергин санабай деген сөз бекер, жалган болгон сөз болорунда Каратоко, Манап ай,

Үй башына бир жылкы,

Ала бергин санабай деп айткан себеби, түтүнгө бир жылкыдан чыгым алгандан айтылган.

Токонун тондуу уулдары (7) жети уулу өздөрү ар кимиси ар башка айтышат. Мисалы, абылалардын карыялары айтышат, Абыла баатыр Олуя-Атадан казак, кыргыз урушуптур, ошондо Абыла баатыр колго түшүп, 54-бет: Маматкулдун колуна келип туруп калыптыр дешет. Бирок Токонун өлгөн убактысында кызы кошкон кошогуна караганда, Абыла болсун, жаки башкасы болсун Токонун тондуу балдары болууга керек.

Абыла, сабыр, чагалдак – атам тапкан кул эле, Өзүк, чечей, кул молой, өзүм тапкан кул эле,

Өзү келди беш көөрүк – бул качан атакемдин уулу эле?

Ал убактыда кыргыздын эски адат сөзү бойунча бир жактан келгенди жана кичи катындын баласын кул деп айтышкан.

[1] Көпчүлүк санжыраларда жоодон («черүү») колго түшкөн бала экени айтылат (мисалы, Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996). Башка санжырада: «Адигине, Тагайдын Колбийке деген кичүү энесинен Меңдигул деген бала. Бетинде меңи болгон. Кыргыз салтында токол катындын баласын кулга жакындатып, «такыр курсак», «түпкө жатар» деп караган. Анткени менен атанын «көкүрөк күчүгү» делип, атанын үй-мүлкү анын колунда калат. Черикти токолдун тукуму-кул деп жүрүшкөн. Бирок, чоң көрөңгө Черикте калган экен. Төрт болуш эл. Теңи Ат-Башыда, теңи Какшаалда, Тоюн-Чөл деген жерде болот. Ар жерде аздан жүргөн да чериктер бар. Меңдигулдан Эшим. Чердегей бала ушунун тукуму Черик аталат» (кара: Ы. Абырахманов…).

[1] Башка уламыштарда да Адигине-Тагайдын Наалы деген эжесинин коңур (коңур кула, коңур ала) атынын байгесине бир бала тийип, андан тарагандар ошол аттын түсүнө байланыштуу аталып калганы айтылат. Мажму ат-Таварихте 92 боолуу өзбектин (илатийа) бир уруусу катары эскерилет. Оозеки фольклор боюнча таңатар, андан куттук, кечмелик деген урууларга бөлүнөт.

[1] Башка санжыраларда Чертки, Чертике да болуп айтылат.

Жантай балдары

Жантай Дөөлөстүн уулу, Токо экөө бир эне 55-бет: ден болуп, Токонун иниси болгон. Жантайдан Сары, андан Бөрүчөк болгон. Бөрүчөк өзү бактысында бий болгон. Бөрүчөк бийдин (4) төрт уулу болду. Эң улуу катындан Атабай, андан кийинки катындан Айуке, андан кийинки катындан Элеке, Кусеке. Атабай Бөрүчөк бийдин улуу катынын балдары болуп, Кубат, Белек, Акчабуу, Мендеке, Таштокум деген уруктарга бөлүндү. Элеке тукуму токтооку атанган. Айуке тукуму айуке атанды.

Атабайдан Касыбек, андан Кожояр, андан Өмүрзак, андан Байалы. Атабай жана Акчабуу уругунун кадырлуу кишиси болгон.

Кусеке балдары

Кусеке[1] Бөрүчөк бийдин эң кичүү уулу болуп, Кусеке тукуму калмакы атанган. Калмакы деген атак калмакка чабуулга түшүп кетип, бир канчалык туруп, кайта келгени себептүү айтылган.

Кусекенин Акы, Калматай, Эшиге, Досон деген (4) төрт уулу болуп, Эшиге, Досон Кусекенин сарт катынын баласы болуп, Досондон досон уругу болгон. Бул уруктан илгери Меңназар деген, кан Ормонго вазир болгон. Булар азырак түтүн болуп, (10) чамалуу түтүнү Бестиробканын күн батыш жакы чети, Кашкелең кыштагында турушат. Исмайил Дөнөмбай уулу деген аксакалы бар.

57-бет: Эшигеден Балабагыш андан Бектемир, Сокур эки уулу болуп, Бектемирден Кудайберди, андан Назар андан Качканак, андан Тилебай, Максат. Сокурдан Акжол, андан Ормош, Татыбек, Ажыбек (3) уул. Ормоштон Ногой, Капа, Касым (3) уул болуп, Ногой убактысында чоң болуп өткөн экен.

Калматай Кусекенин уулу болуп, мындан Мереке, Ормоке, Кашка, Кенже төрт уул болуп, булар бай жантай деп айтылган. Мерекеден Эсентай, Майназар (2) уул жана Эсентайдан Ормотой, андан Жанай, андан Алмамбет, Мырсакул жана Кашкадан Шербото, андан Таберик, андан Мергембай, андан Медер. Бул туугандарыбыз быйылкы, 1930-жылы 120 түтүнгө жакын болуп, Шамшы элинде, Буранага жакын жерде турушат.

58-бет: Акий Кусекенин улуу уулу болуп, бул киши убактысында быйылкы даражасына жеткен. Акийдин Дайырбек, Ниязбек, Оболбек деген балдары болуп жана дагы Тыныбек деген уулу болгон.

Оболбектен Төрөбай, Токтуу, (2) уул болду. Төрөбайдан тукум жок. Токтуунун (9) уулу болуп, Жаманкиши, Маркаш, Чолок деген балдарынан тукум бар. Алтоонон тукум жок болгон. Жаманкиши, андан Кожогелди, андан Атабек, андан Ныяз, Мамбет эки уулу болгон жана Маркашдан Абилбай, андан Тайсары, андан Оторбай. Ныязбектен Мамелек, Шакел, Олтоке, Кенже, Малжан деген уулу болуп, Малжан тукуму Таласта бешберен деген саруулардан мал 59-бет: – жан, катын алып, ошол жерге туруп калган[2]. 1909-жылдарда көчүп, Чоң-Кеминге, жантай тууган уругуна келип, эки жыл турушуп, бөлөк өсүп калгандык кылып, көнө албай кайта кетип калды.

Түтүнү (60) түтүн чамалуу бар эле.

Олтокеден Шайбек, андан Молдоисак. Кенжеден Каработо, андан Бегалы, андан Тапай, андан Касабек.

[1] Башка санжыраларда Күзөкө түрүндө кезигет.

[2] Булардын тукуму «сарыбагыштар» деп аталып, азыр да Таластагы Козучак айылында турушат (кара: Сооронкулов С. Бердике беш берен. /Кыргыз санжырасы. Б., 1995).

Дайырбек балдары

Акийдин уулу Дайырбек болуп, бул киши Чүйдүн тескей тоосундагы Желаргынын[1] күн батышындагы Окторкой деген жерден калмак келип, чаап, Дайырбекти катын-баласы менен туткун кылып алып, Жуңгар тоосунан[2] ары Эрен-Кабырга, Эртиш деген жерге алып барып, Да йырбек ошол жерге калмактын канынын жанына туруп калган. Бир канчалык көп жылы туруп Дайырбек 60-бет: дүнүйөдөн өткөн. Өтүүнүн алдында балдарына осуят кылып айткан. Чоң атаңар Акий бий сарбагыш жантай деген уругунан болосуңар деп айтып, түп атаңар Жантайдыкы, ушуну жоготпой алып баргыла деп, бир мылтык жана оттук, бир бычагын балдарына керээз кылып тапшырган. Эгерде бул белгиңер жок болсо кыргыз силерди жантай уругу деп эч бир убактыда айтпайт жана өздөрү билгенин кылат деп айтып, атасы Дайырбек дүнүйөдөн өткөн. Дайырбектин Асанбай, Ыбыке, Жакам, Ынжы, Мадыган, Сеңкилтай деген алты уулу болду. Акыркы экөө калмак ичине барганда туулган балдары болгон. Булар атасы өлгөндөн кийин калмак бошотуп жибербей, дагы нече жыл туруп калышкан. Аягы 93чү бетте (?).

[1] Азыркы Чүйдөн Боом капчыгайына кире бериш жер. Жел аркырап турат деген мааниде. Азыркы «Жел-Арык» деген аталуу кыргызчадан орус тилине бузулуп киришинен келип чыккан.

[2] Б. а. Иленин сол жээгиндеги Жуңгар Ала-Тоосу.

Манап баяны

Манап Дөөлөс бийдин Жезбийке деген токол катынын баласы болуп, Жезбийкенин бойунда болгондо, Меңишек байбиче деген Дөөлөс бийдин улуу катыны ичине кийиз тартынып жүрүп, Жезбийке тууганда мен туудум деп, багып алып, атын Манап койгон. Жана тууган убактыда ороосун манаттан кылып, манат менен ороп, бешикке салыптыр. Мына ушул себептүү кийиз курсак Меңишек атанган. Ал бала Меңшек байбиченин багып алган баласы болуп, Дөөлөс бийдин чоң үйүн ээлеген. Жана ошондон тартып чоң болуп, бүтүн сарбагыш ичиндеги манап деген илгертен берки чоң болгон ошол Манаптын тукумдары[1] болгон. Жана кыргыздын 62-бет: башка уруктары – солто, бугу, сайак ичиндеги манап атангандар атакты ошондон алган. Никелей падышанын убактысында 1916чы жыл барча сарбагыш уругу (15) болуш чамасында болду. Мына ушулардын барын бийлеп тургандар баарысы Манап тукумдары эле. 1916чы жылкы өктөбүр өзгөрүшү мындайлардын барын жоготуп, кедейлер менен кембагалдардын үстөмдүгүн чыгарды.

Манаптын Сүтөй, Жарбаң деген (2) уулу болуп, жарбаң тукуму азыраак болуп, булар Нарындын жана Чүйдүн кайсы бир жерлеринде бар-жок эмес. Энесинин ичинен жарып алганынан жарбаң атанган.

63-бет: Сүтөйдөн Сарсейит, Тугур (2) уул болуп, Тугурдан Эшим, чоңчарык уруктары. Сарсейиттен Үчүке, Түлкү, кан Кудайан (3) уул болгон.

Чоң чарык аталышы Тугурдун неберелеринин Олжотой деген киши болду. Бул буту чоң болуп, бүткүл Анжиян шаарынан бутуна бир кепич батбаган жана жайдын күнүндө кепичинин ичине улак жатып алыптыр[2]. Ошол себептүү чоң чарык атанган.

Үчүке, Түлкү, кан Кудайан деген Сарсейит бийдин уулу болуп, булар убактысында сарбагыш жана дагы башка уруктардан бийлеп турушкан. 64-бет: Бир күнү Түлкү энесинин айтуу менен катынын койо берген жана элден кыз жактырбай, бир канча жүргөндөн кийин Какшаалда кандык курган ойгут элинин[3] каны Жаңыл мырзаны алуу үчүн барып, жылкысын тийип келип, Какшаалдын тоосунун арасында бир жардын түбүнө келип, конуп жатышкан. Ошол жылкы тийген убактыда Жаңыл үйүндө жок болуп, адатынча ит агытып, куш салып, талаада жүргөн. Жаңылга кабар баргандан кийин артынан кубалап келип, Түлкүнү сынап, сынына толтуруп турду дейт. Мына ошол убактыда Жаңыл мырзанын кер тайганы шимшилеп, Үчүке, Түлкүнүн бээ сойуп, ташкордосуна[4] этин бышырып жаткан 65-бет: конушуна кирип барган. Ошондо бул кер тайган кайдан келди деп, коштогулар сурашкан. Түлкү – канчыктын кер тайганы деп жооп берген. Ошондо жардын башында карап турган Жаңыл жаа менен атып, Үчкүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак деген кишилерди өл түргөн.

Мына ошол жер Үчүкө, Түлкүнүн бейити деп аталган. Жаңыл мырза Түлкүгө тийүүгө көңүлү болуп турду. Бирок жаа менен атуунун себеби – биринчиден канчык деп, айтуу болсо, экинчиден кызды балам дебесе болот деген Жаңылдын жанындагылардын сөзү болгон.

66-бет: Үчүкө, Түлкү Сарсейит бийдин уулу болуп, Атагозу, Чабак деген сайактын бөөбүй деген уруусунан[5] эле. Төртөөнүн өлгөнүн Сарсейит бийге Ысык-Көлдүн күн батыш айагындагы Ак-Өлөң деген жеринде, төө кайтарып жүргөндө, жоодон качып келгендер айткан. Үчүкө, Түлкү өлдү, Атакозу, Чабак өлдү деп. Ошондо Сарсейит бий Үчүкө, Түлкү кулунум Атакозу, Чабак арстаным деп, аттан учуп түшкөн. Сарсейиттин байбичеси; Үчүкө өлсө Үчүкөдөн үч бала калды жана ичтен кан ууштап түшкөн кайраттуу тууган кан Кудайаным бар деп, Сарсейит бийдин колунан тартып тургузуп, үйүнө алып барган. Кан Кудайан чоңойуп, элди бийлеп турду. 67-бет: Бирок өзүнүн бийлеген элин баштап, көчүрүп жөнөп, Сыр дайранын ары жагына өтүп чыгат. Максаты ошондон ары өтүп кетмек. Мына ошол убактыда Сыр дарыядан элинин жарымы чыгып, жарымы чыга электе кайкыган калың көп колго учурап, кан Кудайан каражолтой жагынан кездешип, элинин бир канчасы колго түшүп, туткун болуп калганы ошол жерден[6] кайра тартышкан. Кайкыган калың кол кимдин колу экени анык билинбейт. Бирок кыргыз карыяларынын айткандары Ооганстандын колу деп айтышат. Кыргыздын сарыбагыш уругу жана дагы башка уруктарынан туткун болуп, ошол тараптарда көп калган имиш.

68-бет: Кыргыз Ысар кирип, казак кайың саады деген макал мына ошондо болгон. Кыргыз кан Кудайандын баштоо менен көчүп барып, жоого чаптырып начарланышат, казак жутка мал чарбасы кырылып калып, начарлашат. Ошол убактыда абдан кор болушкан кези. Кыргыздын карыяларынын көзүнө элестеп көрө берген өңдүү сөз кылышат. Казак кайың саады деген кайыңды кайнатып, суусун ичти деген сөз имиш.

[1] Тилекке каршы, Манаптын тарыхын кененирээк Б. Солтоноевдин эмгегинен гана табууга болот. Анда анын казак ханы Эшимдин тушунда жашаганы айтылып, ал жөнүндө башка жазма маалыматтар кезикпейт. Бул жердеги «манап», «манапчылыктын» чыгышы жана жогоруда айтылган «Каратоко Манап ай, алдың эле алды артыңа карабай, эми бере-бергин санабай» (бир нече варианты бар) деген сөздүн таралышын кыргыздын тарыхчы-санжырачылары (мис., Б. Солтоноев, Ы. Абдырахманов, С. Закиров, Э. Төрөкан уулу ж. б.), белгилүү окумуштуулар (мис., С. Абрамзон, Б. Жамгырчинов ж. б.) Дөөлөс уулу Манапка байланыштырган.

[2] Кыргыз урууларында Тугурдун Олжотайынан башка чекир (чакыр) саяктын «чоро» жана шыкмамат саяктан «бөлөкбай» уруусунда да «чоң чарык» деген уруктар бар. Т. Молдонун санжырасында кепичтин ичине баткан улак «чоро» саяктан тараган  Баарчыктын Карга уулунун балдарына тийиштүү болуп айтылат (кара: Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас, салт. /Түз. К. Жусупов. Б., 1995).

[3] Ичкилик уруулар тобуна карайт. Көпчүлүк санжыраларда «нойгут» деп да айтылат. Алардын негизги бөлүгү эзэлтеден бери Чыгыш Түркстанды («Сапарбай», «Арал», «Таш-Коргон» сыяктуу жерлер) мекендеп келген. Айрым даректүү маалыматтарга (мис., Си-юй-шуйдао-цзы) караганда 16–17-к-да нойгуттар (но-и-гу-тэ) Лобнор ж-а ага жамаатташ аймактарды мекендешкен. 16-к-да Кашкардагы Уч чебинин айланасында жашаган эл катары эскерилет.

[4] Идиш жокто пайдаланышкан. Мисалы, «кийиктин жоон ичегисин таза жууп, этти майда туурап ага май, боор кошуп, туз, көк пияз, чөп-чардан салып, эки жагын байлап коюшкан. Отту жалпак таштын үстүнө жагышкан. Ал күйүп бүткөндөн кийин чоктору ортого түшүп калат. Таштын бети ушунчалык ысып чыккандан кийин чокторду үйлөп салып, даяр болгон этти ысык таштын үстүнө үйүп, үстүнө дагы ысык ташты бастырып, чок менен көмөт. Ал бир сааттан ашык убакытта бышат. Кийиктин этинен жасашкандыктан, даамы укмуш таттуу жана күчтүү болот» (кара: //Обон. 04. 08. 2009).

[5] …Шыкмаматтын Култайынан Бөөбүй…. Бөөбүйдөн Тейиш, Тилек.

Тейиштен Атакозу, Чабак (кара: Э. Төрөкан уулу. Аталган эмгек. Т.2).

[6] Кээ бир санжырада Үчүкө, Түлкү өлгөндө Кудаяндын 10-12 жашар бала экени айтылат. Кудаян башкарган мезгил оор заманга туш келген. Калмактардын кысымына туруштук бере албаган кыргыздар катуу кыргынга учурап, Ферганага сүрүлүшүнө байланыштуу «казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө (Гиссар-Куляб) киргенде», «ак таман чуурунду (чор) болгондо» деген ылакап, уламыштар сакталган. Натыйжада элдин башынан өткөн азап-тозоктордун баары Кудаяр хандын текебер, жөндөмсүздүгүнө байланышып калган. Мындай уламыштар кээ бир окуя, кубулуштарды бир-бирине айкалыштыруудан  келип чыккан. Кудаяндын алаканына кан уучтап төрөлүшү жана аны сынап, ачык айтканы үчүн Санчы сынчыны төбөгө чаап, каргышына калганы, кыргыздар калмактан качып, Сыр-Дарыядан өтүп баратканда өлгөнү жана анын тукуму азыркыга чейин Оро-Төбө, Хожентте турганы жөнүндө санжыранын бир нече түрү айтылат. Кийинки изилдөөлөр боюнча да Кочкор, Кетмен-Төбө, Талас өрөөнүндөгү сарыбагыштын тоголок (томолок) уруусу өзүлөрүнүн түпкү атасын Кудаян дешет (караңыз: Абрамзон С .М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999; Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1.;  Сыдыков О. Аталган эмгек).

Үчүкө балдары

Үчүкөнүн үч уулу Маматкул[1], Дөөлөт, Бердигул болуп, Дөөлөттөн Надырбек, Бай, 69-бет: Карамурат, Шайбек төрт уулу болуп төртөө төрт урукка бөлүнүп, Надырбек уулу, Мусулман уулу, Кубат уулу, Бердибек уулу, Адыл уулу, Абылай уулу Асыранкул жана Надырбек уругунан Кудайменде, Ташыбек дегендер Ормон кан менен кас болуп, бугу тарабына кирип [кеткен]. Сарыбагыш [тар] Ормон кандын кунун кубалап, бугуну сайып бара жатканда, бул Кудайменде, Ташыбек, Бакачы Каражунус, Нурдөөлөттөрдү өз тарабына кошуп алып, Кара-Баткак деген1 Күңгөй Аксуунун күн чыгыш жагы, Ысык-Көлдүн түн тарабындагы бир коктудан түшүп туруп, кайта сайган имиш. Жана Бай тукумунан Калыгул деген даанышман 70-бет:, йагни акылдуу, билимдүү киши болгон2. Бул киши ошол заман – бул замандын көзү ачык күзгүсү болуп, артына Калыгулдун сөзү деген көп сөздөрдү калтырган. Калыгулдун уулу Шыгай, андан Көбөгөн болуп, бул киши бир болуш Надырбек элин бийлеп жана башка элге дагы кадырлуу киши болуп өткөн.

[1] Эскертүү; С. Абрамзонго (мис., «Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня» деген макаласында [//Этническая история народов Азии, М., 1972] автор «Тогуз-Тороо», «Улаан», «Касымаалы», «Таабылды», ж. б. деп.

Маматкул балдары

Маматкулдун Темир, Болот, Андагул, Көккөз деген 4 уулу болуп, бул Маматкул бозого таарынып, өзүнүн жакын туугандары Белек менен жоо болуп1, (…) деген кыргыздын бир экинчи бир уругун колго чакырып, 71-бет: байдын кызынан 9 кыз тартууга алды жана ошондон тартып, бугу уругу менен сарыбагыш уруктары жоо болушуп, кан төгүшүп калган.

1 Маматкул башында турган сарыбагыш, солто ж. б. урууларынын калмактар менен союз түзүп кеткен бугу уруусун айыпка жыгышканы тууралуу айтылган санжыралардын көптөгөн варианттарын келтирүүгө болот. Мисалы, «…Белек бөлүнүп, калмактарга кызмат кылып кеткенде

Маматкул бий;

…Байгара менен Жамбылда май жегенде бирге элек, Калмак менен Калыкутуда кан жегенде бирге элек!

Казак кайың саап, кыргыз Ысар качып,

Ак таман чор болгондо кайда кеттиң сен Белек? – деп, күнөө койгон» (кара: Закиров С. Аталган эмгек, Солтоноев Б. Аталган эмгек ж. б.). Бирок мындай абал (бозого тарынуу) илимий көз караш эмес, кыргыздарды калмактарга каршы бириктирүгө жасалган саясий аракет оозеки фольклордо ушундай айтылып калган. «Маматкул, Кошой 60 жашка келип калган кези экен дешчү, илгерки карылар. Колу жеткен тоо арасындагы кыргызды чогултуп; «калмактан эмне болуп жатырсыңар жана сарт-казак эмне кылып жатканын да угуп жатырсыңар. Уурдап алган калмактын малына кызыгып, тоо арасында калып калып жүрбөйлү? Өсүп-өнмөй бар, өз конушубузду өзүбүз бошотуп албасак, ким бошотот? Казак келип, ээлеп, алып калса кантебиз? Койгула балдар, көрүнөө аттаналы. Иледен нары өтпөйлү. Аягы Бетегелүү Койташ, башы Кызыл-Кыя заңташ, ушулардагы калмакты кууп чыгалы. Чүй аягы -Талас, Байгара, Жамбыл – ушул өз конушубузду алалы кудай буюрса»- дейт» (кара: Алымбектин санжырасы. Б., 2007). 1758-ж. Кетмен-Төбөгө келген кытайлык элчилери кытай уруусунун бийи Каработонун жакын тууганы («Хебици») көрсөтмөсү боюнча Маматкул оң-солду тегиз башкарып, кол алдында 4 миңден ашык эл болуп, кушчу Майтык менен кытай Каработо анын жардамчылары экенин белгилешкен. Аны менен кошо Маматкулдун Туюк-Төрдө турган уулу Болот бийдин кол алдында 2 миң түтүн эл болсо, сарыбагыш менен бугу урууларын бийлеп турган бий – Черикчи болгон (кара: Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII-начала XIX веков. АН КР отдел рукописей. Инв. № 5187). Н. Аристов 1761-ж. Иле тарапта кыргыздын беш уруусу, а. и. Черикчи башында турган 1000 түтүн сарыбагыш, ошондой эле уруу башчысы көрсөтүлбөгөн саяктар (алар да 1000 түтүн) турганын эскертип, бул эки уруу калмактар келгенге чейин эле Кеген-Каркыра менен Темуртуда (балким сөз Иленин сол жээгиндеги Темирлик суусу жөнүндө болуп жатат) туруп, калмактардын кысымы менен Анжиянга качкан, анан калмактар Кытайдан жеңилгенден кийин кайра ошол эле конуштарын ээлеп калган деген жыйынтык чыгарат (кара: Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001. 429-б.).

Маматкулдун Темир деген уулунан Черикчи[1], Назар, Кулуке, Боогачы деген уулдары болуп, булар Кочкордун күңгөй тарабында турушат жана Черикчинин Борколдой, Жаныбек, Абайылда, Жаманкара, Мама, Караменде, Бекбото, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжетай уулдары болгон. Жана Абайылдадан Шербото, Нарбото, Төрөкелди, Шадыкан, Беки, Коондук, Капсалаң, Асыл, Басыл деген балдары. Булар өз заманын шартына карата баатыр болушкан. Көбүнчө Төрөкелди 72-бет: ошол замандын шери өңдүү болгон. Төрөгелдинин Шамыркан, Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткара деген балдары болуп, Үркүнчүдөн Өтөмбай, Кудайберген деген эки уулу болуп, Кудайберген кыргыз ичинде биринчи өнөрпозлордон болгон. Чымчыкка чымчык алдыруу, комуз, кыйак, он төрт кылдан такты үстөлдүн үстүнө койуп, керемефон үнүнө окшош үн чыгаруу өңдүүлөрдү кылган өзүнүн адаты болгон. Бирок өнөр-маданияттуу элден болбогону үчүн артында белги калган эмес. Жана Абайылданын бир катынынан Шеримбек, Ыбыке жана бир катынынан Кыдык деген. 73-бет: Баарысы 12 чамалуу уулу болгон. Ыбыкеден Канат, Касым, Байдалы деген үч уулу болуп, Канат темир уругунун ызаттуу журт бийлеп, болуш болгон кишилеринен болгон. Андагул, Көккөз тукуму жана кан Кудайан тукумдары ошол Черикчи эли, жаки Темир-Болот эли атанган ошол элдин ичинде болот.

[1] Кытайга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө бизге так маалымат 1758- жылга тиешелүү. Ушул жылы Черикчи бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдиришкен жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышкан. Кытай императору Черикчи бийге 3 даражадагы чиндик белги ыйгарган (кара: Кадыров Ы. Кыргыздын Гинесс китеби. Б., 2008).

Болот балдары

Болот бий[1] балдары. Болот бийдин улуу катынынан Дайырбек, Айдаке, Таттыкөтөн, Сураке деген балдары болуп, булар беш күрөң атанган. Беш күрөң атанышына себеп, Болот 74-бет: өлгөндө, кымыз көп ичип, уктап калган тууралуу болгон. Болот Кетмен-Төбөдө өлүп, сөөгүн жүктөп барып, Андижанга Арстанбабка койгон. Жана Болот Санчы сынчы дегенге сынатып, Санчы сынчы айтуу менен Чагалдактын жесирин – Таалакени алып, андан туулган Кожомшүкур, Эсенгул деген эки уулу болуп, Кожомшүкүр тукуму Салыбек тукуму атанып, Эсенгулдан бир канча балдары болгон. Бул Эсенгул өзү убактысында чоң болуп[2] өткөн. Эсенгулдун эң мурунку алган катындан Асанбай, Үсөнбай, Найман, экинчи катындан Ныязбек, Кубат, Куттуксейит, Абдыраман, Карасарт, Шоорук жана бир катындан Базар, 75-бет: Назар жана бир катындан Айтбай, Керим, Жапар, Саткын жана бир катындан Кудайар, Субан, Ажы жана бир катындан Бекболот, Шамурат деген уулдары болгон. Жана тондуу уулдары дагы болду.

Эсенгул касык мойун-баш койкоң деп дагы айтылган. Эсенгул балдарынан чала манап жана борукчу уруктарга бөлүнүп, 1915-16-жылдардын ичинде алты болуш чамалуу элге башчы болушуп турушкан. Булардан бир болушу борукчу эли атагында болуп, башчысы Куттуксейит уулу Шамен чечен, андан Байтерек, андан Балбак, Бекчоро деген уулдары болуп, Балбак убактысында мыкты болуп туруп, Кубат тукумунан Муратаалы деген өлтүргөн[3]. Жана Бекчоро нече жыл 76-бет: болуш болуп, борукчу эли деген 1300 түтүндү бийлеп келди. Жана Эсенгулдун Кубат деген уулунан кубат уулу, Шоорук деген уулунан шоорук уулу болуп, булар дагы борукчу элинде болгон.

Эсенгулдун Анар деген катынынан 6 уул болуп, эң улуусу Ныязбек андан Бердибек, Бердикожо, Субан, Ормон, Ажы, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек деген уул дары[4] Ныязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек деп айтылган. Жана бир катындан Ыстам сегиз бир тууган болуп жана бир катындан Түлкү, барлыгы 17 чамалуу уул болгон. Бул Ниязбек тукумунан эң улуу уулу Бердибек, андан Манде жез чочмор деген чыгып, 77-бет: бетине келгенди уруп, жез чочмору менен согуп өткөн. Бердикожо балдары уулдары атанып, мындан Сыркөбүл, Карач, Өзүбек баштыктары болду. Субан балдары субан уулу атанып, Мусаке, Матай, Адыл деген уулдары болуп, өз заманын шартына карата барысы тең баатыр болушкан. Бирок баатырлыгынан пайда тапкан эмес. Матай, Адыл[5] экөө адам колунан өлгөн. Жана Субандын бир катынынан Ыйбак, Жайнак деген уулу болуп, Жайнагы (…) …гон. Жайнагы жекеге чыгып, каба Карачолок баатырды сайып түшүргөн. Тынымсейит Үмөталынын уруусунда. Адыл Ормондун кысасы үчүн бугу уругунун манабы болгон Мырзаны өлтүрүп, башын кесип, канжыгасына байланып келиптир.

78-бет: Субан баатырлыгынан пайда көрбөгөндүгү Ормон кан менен бугу урушуп, Ормон кандын өлүмү себеп, биринчи чагалдактын куну болсо, экинчи Субан балаларынын бугудан жылкы тийип келиши болгон. Жана дагы чагалдактар уу айдабаса таан конбойт эле, таан конбосо мен мылтык атбайт элем, мен мылтык атбасам энем өлбөйт эле деп, өзү ооруп өлгөн энесине чагалдактан кун алган[6]. Субан уулу Мусакенин салты болгон жана эки бука сүзүшсө, Калыгулдун жылкысын тийип алган. Соң-Көлдү уурдап жайлап жүрөсүң деп, сайак Медет даткадан төө баштаган алтымыш айып алган Ормон баатырдын адаты болгон. Менин чепкенимди таштаган жерге келип коносуң деп, моңолдор карга 79-бет: Чоргону атып өлтүргөн Ныязбек уулу Ырыскулбектин иши болгон. Субандын уулу Мусаке, андан Байгазы, андан Капсалаң, Эсенгул, Айдарбек деген балдары. Ныязбектин төртүнчү уулу Ормон. Бул кишини кыргыздын бир нече уруктары кан көтөргөн. Ысык-Көлдүн күн батарындагы 30 километр чамада келе турган Кочкор суусунун бойундагы Орто-Токой деген жерде, Ормон баатыр кыргыздын ар бир уругунан чакырып алып, орустун келатышынан, кансыз (хансыз) эч бир калк жашабастыгын, ошол айтуу менен кыргыздын ар бир уругунан келген кишилери жана баштыктары Ормонду ылайык көрүшүп, кан шайлашып тарашкан. Ормон кан 1790-жылы туулуп, 1853-жылы 80-бет: адам колунан өлгөн[7], 63 жашында. Ормон өзү чоңойгондон тартып, сарыбагыш уругу жана дагы кыргыздын башка уруктарын бийлей баштаган. 1831-жылы Кара-Балтага жакын болгон Чалдыбар деген жерде мурунтан бийлеп келген сартка алман бербей, сарт менен урушуп, өзүнө караштуу туугандары жана айылдарын ээрчитип алып, Илеге үч жылга жакын туруп[8], кайта эли менен көчүп, Чүйгө келген. 1845-жылы Абулай кандын небереси – Орто жүз казактарынын каны Кенесары, Норузбай дегендер, Орто жүз жана Улуу жүз казактарынан көп кол жыйнап келип, Чүйдүн аягы өйдө чыгып, Меркенин жакын жеринде Кара-Кыштак, Чөңөр деген жерде турган кушчунун башчысы Калчаны 81-бет: чаап, андан өтүп, Чүй суусун бойлоп күн чыгышты көздөй жүрүп отуруп, солто Эшкожо, Канай кишилердин күмбө зүн бузуп жана жаңы койгон көрдү ачып, (…) бетине келген кыргыздарды чаап, талап жүрө беришет. Солто жана дагы башкалары Бишбектин айланасындагылар үркүп качышып, Чүйдүн башы Кичи-Кеминден Чоң-Кеминге аша турган кашка жолго келип, аша башташат. Мына ошол убактыда Ормон кабар баруу менен Ысык-Көлдүн түн жагындагы Күңгөй Аксуу деген жерден бир канчалык көп кол менен жөнөп отуруп, Кенесарынын көп колунан үркүп, качып келе жаткан кыргыздын көчүн кашка жолдун алдынан чыгып 82-бет: токтотуп, кайта көчүр үп, өзү көчтүн алдына түшүп, колу менен Кенесары, Норузбайдын калың колун бет алып, күн батышты көздөй жүрө берип, бир канчалык атка курал-жабдыктарын жүктөп алып, кернейин бапылдатып тарткан. Мына ошол убактыда кернейдин үнүн уккан Кенесары, Норузбай жана башкалары бул сыйырча мөөрөгөн эмине деп сураптыр. Бул сыйырча мөөрөгөн Ормон кандын кернейинин үнү, башта чабагы менен урушкансың, жайаны эми келди деп жанындагы билген кишилер айткан. Мына ошол убактыда казактардын жүрөгү чочуп, ошо Кене баштаган узун сөздүн кыскасы – Текеликтин-Сеңири, Май-Дөбө деген жерде Кенесары чоң атасы Абулайдын 83-бет: кызыл туусун тигип жатып, бир канчалык көп казактардын ажалына себеп болгон. Чоң атасы Абулай кандын кысасын берген, йагни 1742-жылы[9] Кенесарынын чоң атасы Абулай кан кыргыздарды көп кырган. Мындагы Кенесары менен Ормон экөө урушуп, Ормондун жеңишинде Кенесары, Ноорузбайга караштуу болгон казактардын колу Ормонго караштуу кыргыз колунан нече мертебе көп болгон. Кыргыз уругунан бул урушка мыктылап киришкен Ормон баштык болуп, сарыбагыш уругу жана солто уруктары болуп, сайактан Медет датка деген киши дагы өзүнө караштуу эли менен болгон. Бул урушта Жангарач, Төрөкелди, Жантай, (…) дегендер болгон. Бирок бугу уругу 84-бет: жок болуп, бугуга караштуу болгон кыргыздын башка уруктарынан бул урушка келбегендери жок эмес эле. Кенесары анын мурунку жылдарда да келип, Чүй суусунун бойунда, Пишпектин күн чыгыш түн тарабындагы Кара-Суунун бойунан Калпак, Субанбек деген тынайдын уруктарынын жакшыларын өлтүрүп кеткен. Ормонбек деген Субанбектин иниси. Жылкыдан Шаккулунун тору ат дегенин кармап минип барып, Ыргайтыдан жетип, Таштамбектин болоту деген кылычы менен Кенесары менен чабышып, бул дагы өлүп калган. Жүргөнүң Ыргайтынын колоту, алганың Таштамбектин болоту деген ошол болгон. Бул сөз Ормонбек тууралуу айтылса, матоодо төөң жатышты, бала жолборс эр Калпак, качбай туруп атышты деген сөз Калпак, Субанбек 85-бет: тууралуу айтылган сөз болууга тийиш жана Ормон кан 1851-жылы 52-жылга карай мүчөлүмү чыгарамын деп, кыштын күнү Ысык-Көлдүн түн тарабы күңгөй тарабындагы Сүттүү-Булак деген тоонун бийик карын бузуп, кыштын күнү ашып, Асыга түшүп, казактарды попосу (бобосу) (?) менен коркутуп туруп, Алматы жагы менен көчүп, Каштек ашып, кайта Чүйгө келген. Мына ошондо Ормон бир жылга жакын туруп, албан, дуулат деген уруктарды бопосу менен коркутуп, өзүн билдирип турган[10].

Ормон өз убактысындагы кыргыздын чоңу болуп, кыламын деген ишин кылып, кандык даражага жеткен. Өзүнүн элиндеги усталарды жыйнап алып, узантып, кылыч, чойун баш, милтелүү мылтыкты өзүнүн усталарына жасатып, жоого карай жүргөн. Ормондун максаты кыргыз ичинде 86-бет: эмес, башка жоолордон элин сактамак жана бопосу менен элди коркутуп, бузуктарды тыйуу максат болгон. Мисалы, орустун элчиси келгенде, өзүнө жакын келтирбей, жүзүмү көрсө сырымы билет деп, ыраактан кетирген. Жана дагы Ормондун тебетейи деп, казанбакка ченеп тебетей кылып берип жиберген. Бирок кыргыздын жалпы турмушун алганда маданияттуу эмес, бадави турмуштагы эл болгондуктан, Ормондун кадырын көпчүлүгү билген эмес. Бул кишинин Үмөталы, Чаргын, Сейликан деген уулдары болуп өзү 63 жашында кыргыз калкынын ирээтсиздигинен адам колунан өлгөн.

Ормондун улуу уулу Үмөтаалы болуп, бул киши атасы Ормондун ордуна турганы 87-бет: менен өзү адилетсиз болуп жана кишини көп өлтүргөнү тууралуу, экинчиден оруска карабаймын деп карананчы деген орустун элчисин өлтүрүп алып[11] Кашкарды көздөй бет алып барганы үчүн эң акыры элинен ажырап, кор болгон. Үмөталы уулу Көкташ, андан Жапай (…). Ормон заманында жер көп, эл аз болуп Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы, Нарын, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Таласта, Жумгал, Кочкор, Ысык-Көл, Алматы, Чүйдүн баарысы тоо арасы болгон бир жерге турбастан, дайым көчүп жүрүп оокат кылган. Кыргыз калкына бир жерге туруп, кандык куруу заман шартына карата ылайыксыз болгондуктан, бопосу менен элди коркутуп, өзүнө баш ийдирип турган Ормон опус деген сөз мына ошондон калган.

88-бет: Ажы Ныязбектин бешинчи уулу болуп, АкБекеттин түндүк тушуна туура келген Чүй суусунундагы түн жагындагы тоонун бир сайын бул киши элеп турган жана бул сай ушул убактыда Ажы деп айтылат. Ажыдан Ботокан, Бабакан, Абыкан деген уулдары болуп, булар Ажы уулу деп айтылган. Бабанын бир нече уулу болуп, бир уулу Карач, Тентимиш, Ыйсакан, Калча, Куламбай да бар.

Карачтан Тогойбай, Мамбетжан болуп, булар дагы өз убактысында эл бийлеп, болуш болуп келишкен. Булардын азыркы турган жери Нарын суусунун түн жагындагы Кара-Чий, Жерге-Тал ушулардын экинчи жери болгон жана бул болуш элдин наамы Ажы эли деп айтылган. 89-бет: Шатен Ныязбектин алтынчы уулу болуп, андан Качы, андан Мамбет андан Касымалы, Кадыралы, Эралы, Нарынаалы деген балдары болгон. Касымалы убактысында чоң болуп[12], бул дагы бир болуш элдин наамын үчүнчү атасы болгон Шатендин наамына койуп, бир болуш элди жеке бийлеп, кыламын деген ишин кылып өткөн. Нарындын Суук-Капчыгай деген жерине 5000 сомго медресе салдырган. 5000 сом ошол убактыда аз болсо 1000 чоң койдун баасы эле. Касымалы анын уулу Айдыралы, Оруналы, Акималы, Карабала, Бозмолдо деген балдары болуп, бул киши 1916-жылы кыргыздын өзгөрү шүндө уулу Оруналы экөөнү жана Чоткара деген жигитти кошуп, Нарынга алып келип орустар дарга асып өлтүргөн.

90-бет: Ныязбектин жетинчи уулу Кожобек болуп, булар дагы Шатен элинде Кадырберди деген аксакал болуп, андан Ааматалы деген уулу бар.

Ныязбектин сегизинчи уулу Ырыскулбек болуп, бул дагы убактысында ойуна келгенин кылып өткөн. Ырыскулбектен Кайду, андан Чоко, андан Казы болуп, булар дагы өзүнүн ойуна келгенин өзүнүн бир болушуна кылып өттү. Кыскасын айтканда Эсенгул деген 1000 түтүн чамасындагы эл Казынын айтканынан чыга алган эмес. Нарын пристабына жакын болуп алып, Казы Нарынга караштуу башка болуштарды дагы бийлеген. Жана Субан балдарынан Мусакенин Байгазы, Койгелди, Маңкелди, Жанкелди деген балдары болуп, булар дагы болуш болуп, Нарын эли деген бир болуш элди 91-бет: бийлеп өтүшкөн.

Жана Байгазынын Эсенгул деген уулу нечен жыл болуш болуп, бул дагы Нарын элин бийлеп өттү жана Ныязбектин бир катынынан Ыстам сегиз бир тууган болуп, булар дагы Ыстам уулу деп айтылган. Ыстам арык деп, Бестировканын[13] турган жери жана алышын айтчу эле жана Ныязбектин казак катынан Түлкү жалгыз болуп, андан Тезекбай, Кооман уулдары болуп, Тезекбай бир нече мертебе болуш болуп, Ныязбек эли деген бир болуш элди бийлеп өттү. Бул киши Атакан, Мамбет, Сулайман деген кыйын балдары болгон.

Болот бий Санчы сынчыга сынаткандагы айткан сөздөрү деп, кыргыздын карыялары айтышат. Касык мойунбаш койкоң, ат качырбас боз айгыр, канжыгалуу кара сеңсел, 92-бет: чабала баштуу чап жаак, алтын сака, кабактын кара барчыны, калдуу кара, жалдуу барак, кулжа кулак-кызыл меш, куйса толбос, берсе тойбос, миң кара башыл койду бир кара башыл козу эмер, ошондо да үйгө карын болбос, канжыгалуу кара сеңсең, элин үч жайлоо жайлатып, үч кыштоо кыштатат[14].

93-бет: Дайырбек менен Тыныбек экөө калмакка түшүп, экөөнүн көзү калмакта өтүп, Тыныбектин Ажыгул, Кеней деген балдары кыргызды көздөй качып кетип, Дайырбектин Асанбай, Ыбыке, Жакам, Ынжы, Мадыган, Сеңкилтай деген алты уулу болуп, булар калмакта бир нече жыл турушуп, алды катын алып, үйлөнүшкөн. Кетүүгө калмактар улуксаат бербегендиктен 30 жыл чамалуу калмак ичинде турушкан. Турган жери калмактын каны болуп, чогуу турушуп, кандын түрлүү кызматтарын кылып турушкан. Бирок калмакка түшүп, туткунда турган жеке булар эмес кыргыздын башка уруктарынан Мамаке, Шопок, Бөжөкөй, Сырымбет, Окгокара дагы башкалары болушкан. Бир күнү ит агытып, куш салып чыкса 94-бет: Кара-Көл деген көлдө бир кара куу жүргөнүн көрүп, кан кушун салса, кушка алдырбай койгон. Нече мертебе уу кылып барып, кан алиги кара кууну ала алган эмес. Бир күнү кан айткан кара кууну кимде ким алып берсе, мен ошол кишинин эмине мүдөөсү болсо берер элем деп. Кандын бул сөзүн угуп, алиги туткун эсебинде жүргөн кыргыздардан Мамаке, Шопок, Асанбай дегендер барышып, кара кууну уулап жүрүп, атып алышып, канга алып тартуу кылышкан. Кан эмине сурайсыңар, мүдөөңөрдү айткыла деп сураган. Кан сиз айткан сөзүңүз эки болбойт, кара кууну кимде ким алып берсе, сураганын берер элем деген сөзүңүз бойунча алдыңызга тартуу кылып, алып келдик. Биздин сураганды берип, мүдөөбүзгө 95-бет: жеткизсеңиз айтабыз дешкен. Кан айткан, муруттар сураган мүдөөңөргө жеткизем, сөзүңөрдү айткыла деп. Ошол убактыда кара кууну алып барган кыргыздар айтышкан. Биз палан жылдан бери туткунда жүргөн кыргыз уругубуз, бизге азат кылып, уруксат бериңиз. Жакын тууган-уруктарыбыз менен элибизге кетсек деп айтышкан. Кан алардын сөзүн уккандан кийин азатка уруксат берет. Кандын уруксаты менен Мамаке, Шопок, Бөжөкөй, Сырымбет, Асамбай, Бийке, Ынжы, Жакам жана дагы башка урук-туугандарын чогултуп алып, кыл Эртишке жакын болгон Эрен-Кабырга[15] деген жерден кыргыз атагы сарыбагыш, бугу уругу Ысык-Көл, Чүй жерине бет алышып, 96-бет: күн батышты көздөй кайдасың кайран элим, кайран жерим, киндигим кесилип, кирим жууган жерим, кайдасың сарыбагыш, бугу уруктарым, кыргыздан артык чыккан түнүкатарым, кайдасың Чүй, Ысык-Көл алтын кеним. Бул жактан нечен түрлүү иштер көрдүм, бар бекен Жантай менен Токтогул бизди издеп туугандардан жоктогону.

Биз түштүк калмактарга нечен заман,

Иш көрдүк калмактардан албан-албан,

Кайдасың Ныязбек менен Оболбегим,

Сени эстеп мен бул жакта кайгы жедим деп жөнөп жүрүп калышкан. Бул жөнөгөн кишилер сарыбагыш, бугу уруктарынан болуп, сарыбагыш уругунан 97-бет: Жантай тукуму Акийдин неберелери, Дайырбектин балдары болуп, экинчиси бугу уругу, тынымсейит тукуму Токтогул неберелери болгон. Булар бир нече күн жол жүргөндөн кийин, Жуңгар тоосундагы Тянь-Шань тоосунун күн чыгышы жагындагы Музарт деген ашууга жакындап келишип, эки бөлүнүшкөн. Биринчи бөлүгү бугу уругу болуп, булар бугу тынымсейит уруктарына Ат-Башы жана Какшаал тарабын бет алып кетишкен Мамаке, Шопок, Бөжөкөй, Сырымбет[16] жана дагы башкалары болуп, булар тынымсейит уруктарын ал жолу таппай, Кашкарга кирип кетишип, Кашкардагы кан кожо[17] деген сарттын кожосунун жанында он эки жыл 98-бет: туруп, андан кийин келип тынымсейит уругуна кошулган. Булардын келген убактысында Эсенгул Болот уулунун чоң болуп, кыргыздын бир нече уруктарын бийлеп турган кези болуп, Шопок деген киши Эсенгул баатыр менен дос болгон.

Жана Кара-Камандын суусу сен болсоң,

Калмакы Шопок мен болом,

Агыса албасаң сага ант,

Кече албасам мага ант – деп, алдындагы кара кызыл аты менен кечип кеткен. Булар бир нече заман калмакы деп жүрүшүп, эң акыры калмакы деген атакты калтырышып, токтогулбуз деп чоң атасынын атагын айтышкан. Булардын түтүнү 1916-жылда 1000 түтүндөн ашкан эле.

99-бет: Тууган издеп жөнөгөндөрдүн экинчи бөлүгү сарыбагыш жантай уруктары болуп, Акийдин небереси Дайырбектин балдары болгон. Булар канчалык жерге Мамаке, Шопок менен бирге жүрүп келишип, Музарттын белине жакындап келгенде Мамаке, Шопоктон бөлүнүшүп, Ысык-Көл, Чүйдү бет алышкан. Сарыбагыш уруктарын Чүйдөн табабыз деген максат менен булар андан берилеп келгенден кийин, Асамбай ооруп калган. Бир-эки күн турса Асамбайга чечек чыгып калат. Тамак раскоту[18] жок болгону үчүн Асамбайды күтүп тура албастан, алдына чөптөн калың салып, үстүнө жыгачта жатып, чөп алачык кылып берип, чөп алачык ичине Асамбайды жаткысып туруп, өлсөң бейитиң ушул болсун, тирүү болсоң 100-бет: кеткен жагыңа бет алдырып, чубата койгун, сени ошол жакка кеткен деп, издейбиз деп, таш үйүп, керээзиң деп, Жантайдан калган мылтыгын башына жастап берип, тирүү болсоң бирдеме атып жеп, оокат кылып кетесиң деп айтып, кош деп жүрүп кете беришкен. Мындан берилеп бир нече күн жүргөндөн кийин, бир жерден жол үчкө бөлүнгөн жерге келген. Бул жерден кайакка барарын, үч жолдун кайсынынсына түшөрүн биле алышбай турушуп, бирөө айткан, ушул айрымачка минген жаш бала кайсы жолго түшсө, ошол жолго түшөлү деп. Макул деп, ошол баланын баштаган жолуна түшкөн жана ошол күнү бир айыл табышкан. Ошол себептүү ошол бала Жолбаштар деп айтылган. Өзү калмак 101-бет: ичинде туулган бала болуп, аты Дообулжу эле, Ынжынын баласы эле. Андан жөнөп, жүрүп олтуруп, Чүйгө келишип, Чүйдүн Ысык-Ата деген жериен Үкү деген солтонун айылын[19] табышып, сарыбагыш уругу, жантай тукуму Дайырбектин балдары болобуз, издегенибиз сарыбагыш ичинде жантай уругун издейбиз деп айтышкан. Жантайлыгыңа далилиң барбы дегенде, атасы Дайырбектин Жантайдыкы деп васийат кылып тапшырган оттугу менен бычагын көрсөтүшкөн. Сарыбагыш жана Жантайдын айылдары Суусамыр жайлоосунда болгону үчүн жантай уругуна туугандарың келди деп кабар жиберишти. Ошол кабар берүү менен атасы Дайырбек менен бир тууган Ныйазбек жана Оболбектин балдары Шакел, Мамалек, Токтуу жана Тыныбектин уулу 102-бет: Ажыгул жана дагы башка туугандары келип түшүп алышкан жана ынтымак кылып, сарыбагыш жантай уруктары үй тигип, мал жыйнап беришкен. Мына ошондон кийин кош ат менен жолдо ооруп калган Асамбайды издеп барышса, Асамбай аман айыгып алып, кайта кеткендиги билинген. Себеби үйгөн таштары күн чыгышты көздөй саптанып, кырка чубата койулган имиш. Ошол жерден барган кишилер табалбай туруп, кайта тартышкан.

Андан кийин, нечен көп жылдан кийин орус чыгып, Каркырага калмак менен кыргыз, казактын баш жана жесир, жана башка акы алышуу тобу, йагни кеңкересин (конгресс ?) кылган[20]. Мына ошондо уругум жантай, түп аталарыбыз калмактын ичине келип туруп калган экен деп, түп атасы Жантайдын 103-бет: мылтыгы, ушул мылтыкты нечен замандан бери сактап жүрдүк деп айтып, уругума кошулганы келдим деп айтыптыр. Бул топтун пириситили (председатель, представитель ?) Мендеке Саза болуп[21], ошол кишинин кейринен (кээринен ?), мындан барган Дайырбек тукумунун билбеген караңгылыгынан, алиги калмактан уругун издеп келген Асамбайдын неберлери жантайдын уруктарын албай койушкан.

[1] Болоттун бий болгону Кытай тарыхый даректеринде да жазылып калган. Анда: «…Туюй Хуярда / ? Туюк жар/ сары багыш Болотко караштуу 2 миң түтүн бурут жер иштетип, мал багат» деген кабар бар (кара: Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII -начала XIX веков. КР ИАсынын кол жазма фонду. Инв. № 5187.

[2] Эсенкул баатыр тууралуу кыргыз санжырасында маалыматтар кенен кезигет. Мисалы, «ал убакта ушул жакы кыргыздардын жөнүн Эсенкул билчү экен. Эсенкул ким? Маматкулдун  Болотунун уулу …Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз ошол Эсенкул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да, ал Эсенкулдун сөзүн угат» (кара: Алымбектин санжырасы).

[3] Балбак атасынан (Байтерек) болуштук талашып жеңип алган. Жанында Абыласан деген жигити болот. Бир күнү Шамендин катылуу жаткан мүлкү жоголуп, изи менен келишсе Муратаалынын Аксур деген атынын тери кургай элек экен. Муратаалы Аксур атты ал десе болбойт, бир айылды баккан ат болсо албайм деп, кайра кайта бергенде Абыласан атты ала бербейсиңби дейт. Ошондо кайра тартканда, тигилер эми болбой калды дешип, Балбакты аттан түшүрүп, мууздап өлтүрүшөт. Сакалы белден болуптур бычак  өтпөй коёт. Кийин Балбакты издеп сурак кылышса, беркилер Шаменге тике карап салам бере албай коюшат. Шамен кунун өзүм чечейин десе болбой коюшкан экен. Тирүү кезинде чоң атасы Шаменге күмбөз курдурган. Ошого өзү жатты (Кочкор р-ну, Кара-Суу айылынын тургуну, 86 жаштагы Калчаев Дүйшөмбүдөн жазылып алынды).

[4] Ниязбектин сегиз беги тууралуу Б. Солтоноев, О. Сыдыков ж. б. көптөгөн санжыраларда кененирээк берилет.

[5] Адыл Субан уулу 1847-ж. кыргыздарга кол салган Кенесары ханга каршы күрөшкө катышып, эрдик көрсөткөн жана 1855-59-ж. бугу – сарыбагыштын чабышына катышкан. Кийин орус бийлигине моюн сунбай, 1860-жылдын жазында Ысык-Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу отряды тарабынан туткундалып, Верныйга жеткирилип, жашыруун өлтүрүлгөн.

[6] Башка санжыраларда бул ишти Мусакенин уулу Байгазы жасаганы айтылат.

[7] Кийинки маалыматтар боюнча 1854-жылдын март айларында өлгөн.

[8] Ормон манап 1851-жылы декабрь айында келип, 1853-жылдын, болжол менен июнь айына чейинки мезгилди казак арасы, Иле боюнда өткөзгөн (кара: Ормон хан илимий эмгектерде. /Түз. Токтоналиев Ж. Б., 2002). Ормондун Илеге көчүшү Б. Солтоноевде да кеңири берилген.

[9] Жаңылып жатат. Архив документтеринде Абылай кыргыздарга болжол менен 1764-65-ж. баштап, 1780-ж. чейин бир нече жолу кол салган (толугураак карасаңыз: Алымбектин санжырасы).

[10] Б. Солтоноевде кененирээк берилет.

[11] Бул жерде санжырачы мүмкүн 1863-ж. июнда капитан Проценкого азык-түлүк жеткирип бара жаткан подпоручик Зубаревдун отрядына кыргыздардын кол салганын айтып жатат. Андан бир аз мурун кыргыздар тарабынан почточу өлтүрүлгөн. Зубаревдун отрядынан 2 киши өлүп, 5 солдат менен 1 офицер жарадар болгон. Бул үчүн орус акимчилиги Үмөтаалыдан ар бирин 20 сомдон баалап, 375 баш жылкы талап кылган. 5-май, 1870-ж. Кочкордо өткөн бийлердин жыйынында Үмөтаалынын бул кол салууга катышкан эмесмин, Чыны Дуулат уулу жана Шааке Тооке уулдарына жардамга барган бир туугандарым – Бакал менен Эсен катышкан деп ант берген (бул жөнүндө Казак Республикасынын Бор. Мам. архивиндеги 44, Ф. оп. 1, 42 барактан турган № 5463 ишти карасаңыз болот).

[12] Белгилүү манап, Ниязбек бийдин тукуму, башка маалыматтарда  Кара-Булуңда медресе ачып, аны бүткөндөрдү Уфадагы «Галия» медресесинен билим улантууга жардам берген. Эсенкул болуштугун түзүүдө башкы демилгечи болуп, бир нече жолу болуштукка шайланган. 1916-ж. үркүндө Нарын аймагындагы көтөрүлүштү жетектеген. Көтөрүлүш жеңилгенде эли менен Кытайга качкан. Бирок орус бийлигинин көтөрүлүшкө катышкандарга мунапыз берилет деген жалган убадасына ишенип, ошол эле жылы кайтып келген. 1916-ж. күзүндө аскер сотунун башчысы Бобровдун чечими, Нарын бөлүмүнүн башчысы Хохалёвдун буйругуна ылайык баласы Оруналы, көтөрүлүшкө катышкан Ч. Барманов жана бир туугандар М., Б. Жетигеновдор менен бирге дарга асылган.

[13] Быстровка.

[14] Бул окуялар кыргыз санжыраларынын бардык вариантында кездешет. Ал эми Б. Солтоноевдин тарыхында «Эсенкул феодалдын туулушу» деген бөлүмчө берилген.

[15] Үрүмчү шаарынын батышындагы тоо кыркасы. Азыркы учурда «Элиньхабиэргэ»,  «Ирен-Хабирга»,  «Ерен-Кабырга» деген аталыштар менен белгилүү.

[16] Тынымсейит Токтогулдун Серке деген аялынан Чыйбыт. Андан Мамаке. Токтогулдун кичи аялы Канымгүлдөн Акбагыш. Андан Сырымбет. Акбагыштын Үркүнчүсүнөн Шопок баатыр, Божокой. Шопок баатырдын байбичесинин бир уулу Чоро. Анын тукумунан Арстанбек Буйлаш уулу  чыккан (кара: Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 2. 31-33-б.

[17] Бул жерде сөз 1757-59-ж. Цин империясына каршы күрөшкөн «ак-тоолук» кожолор Бурхан-эд-Дином жана анын бир тууганы ХанКожо жөнүндө болуп жатат (кара: Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII-начала XIX веков…).

[18] Каражат дегени.

[19] Бөлөкбайдан (Каракчы) Байсейит, Бүтөш. Байсейиттин биринчи аялынан Кутумбет, Эсиркемиш, Ногой, Чулу, Үкү (кара: Эсенкул Төрөкан уулу… 2. Т. 48-б.). Алымбектин санжырасында бөлөкбай уругунун аталышы Байсейиттин экинчи аялынан төрөлгөн Чүңкөлөйгө байланышкан.

[20] Бул окуяларды 1866-70-ж. Иледеги таранчылардын көтөрүлүшүнө байланыштырып жатат. Орус өкмөтү кыргыз-казактарды Иле, Кашкар аймактарынын тургундары менен байланышуу тыюу салган.

[21] Ормон хандын чабарманы катары архив маалыматтарында да кезигет (кара: Ормон хан илимий эмгектерде…).

Дайырбек балалары

Дайырбектин Асамбай, Ынжы, Ыбыке, Жакам, Мадыган, Сеңкилтай деген 6 уулу бар болуп, Асамбай тукуму калмак ичинде туруп калышты. Жүгүргөн албай, буйруган алат дегендей, аракет кылганы менен кыргыз ичине келе 104-бет: албады. Дайырбектин экинчи уулу Ынжы болуп, бул кишинин калмак ичинде турганда туулган уулу Дөрбөлжүн болуп, жол баштаган аты себептүү Жолбаштар атанган. Жолбаштардын беш уулу болду: Жээнкул, Сардаакы, Татыпек, Сазан, Жоомарт деген. Жээнкулдан Акан, Чыныбай эки уул болуп, Чыныбайдан тукум жок. Акандан Байгашка, андан Алымгазы деген бир бала бар. Сардаакыдан Эркебай, Ажыбек. Эркебайдан тукум жок. Ажыбектен Койбагар, Айдыралы. Татыбектен Эркекул, Койонжапар, Кубатбек. Сазандан Канай, Адылбек, Арыстамбек. Жоомарттан Субанбек, Найманбай, андан Молдокул. Булар Жолбаштар уулу деп айтылып, Байгашка, Акан уулунун убактысында чогуу 105-бет: болсо дагы, кийин тарап, ар кайсы жерде болуп калышкан. Дайырбектин үчүнчү уулу Ыбыке болуп, Ыбыкенин улуу катынынан Бапыш, Жаныш, Олжобай, Жээнбай, Эрназар беш уул болуп, Эрназардан тукум жок. Башкаларынан тукум бар болуп, булар Ойгомбай аталат. Жана Ыбыкенин кичи катынынан Көк[1] болуп, андан Жайчыбек, Момокон, Найман, Кенже деген төрт уулу болуп, буларды Көк уулу деп атанган. Кенжеден Жамансартбай, андан Ысырайыл. Жайчыбек өз убактысында замандын шартына карата баатыр болуп, Жайчыбектен Байит, Байсал, Абылкайыр, Капкасал деген уулу болуп, тукумдары бар. Жайчыбек, андан Байит, андан Адамбай. Бекбайладан Сапаң, андан Калыпдолдо?. Капсадан Бектур, андан Бейшаки. Абылкайырдан Койчу. 106-бет: Момокондон Королу, Балапан эки уулу болуп, Королуудан Сыдык, Акмат. Балапандан Ысырайыл, Жамангул. Наймандан Абдылда, Секим. Кенжеден Токсаба, Сарт, Жамансары, Токтоной, Атай, Сыдыгалы, Коңкарга, Шалаң, Сулайман деген уулдары. Жамансары төрт болуш Тынайдан чыккан бай болуп, бул киши байдын иреттүү, тартиптүүсү эле. Ыбыкенин улуу уулу Байыш болуп, андан Эшим, Элчибек, Келдибек деген уулдары. Келдибектен Орозбак, андан Шамшы. Элчибектен Самай, Жобку, Араке үч уул. Эшим убактысында баатыр болгон. Андан Саржан, Эржан деген эки уулу болуп, Эржандан Ыйман, Сулайман. Саржандан Бектур, Казак, Чымбай, Кырбаш, Турсун, Аксар деген алты уулу болду.

107-бет: Ыбыкенин экинчи уулу Жаныш болуп, андан Ташыбек, Үрүстөм, Осмон үч уул. Үрүстөмдүн тукуму кызы болбосо, эркеги жок болуп калды. Осмондон Чотбай, Ногойбай, Айтбай – булар 1916-жылы үч Үч-Турпанда калган. Ташыбектен Тыныстам, Байгасы, Сооромбай, Дыйкамбай, Төлөш беш уул болуп, Байгасыдан Аманкул, Райымкул, Сатар. Райымкул 1928-жылы рабфакты бүткөн, селфакка[2] кирген. Ыбыкенин үчүнчү уулу Олжобай. Булар Олжобай уулу деп айтылат. Олжобайдан Качыбек, андан Бапак, андан Жунуш. Ыбыкенин төртүнчү уулу Жээнбай, андан Малдыбай, андан Кудайберген, андан Ысамүдүн билимдүү азаматтардан болуп саналат. Булар Жээнбай уулу деп айтылат. Ыбыкенин бешинчи уулу Эрназар болуп, андан жок. 108-бет: Ыбыкенин алтынчы уулу Көк болуп, баяны жогоруда өттү.

Эскерме: Ынжы эң улуу уулу Жолбаштар тукуму байан кылынса да, кыргыз ичиндеги алган катынынан Черикчи, Жалгап эки уулу болуп, Жалгаптан Нарбото, Сергейан эки уулу. Сергейандан Жаркымбай, Толкумбай, Бозола. Нарботодон Токтомуш, Темир, Бөкөй, Кулбай болуп, Темирден Кийизбай инилери менен Пишбек жанындагы Төкөлдөш селенийасында турат. Черикчиден Байсерке, Карач, Калчаке, Маргозу, Тынай деген уулдары болуп, Байсерке Ормондун уулу Үмөталыга жүз башы болгон[3]. Байсеркеден Өскөмбай, Түмөмбай, Сырдыбай, Көлбай төрт уул. Өскөмбайдан Чекир, Дүйшөке, Акий, молдо Токтогул, Кулмат беш уул болуп, Токтогул 1927-жылдарда болуш болгон.

[1] Балким Көкө.

[2] Сабатсыздыкты жоюу үчүн уюшулган рабочий жана сельский факультеттин кыскарып айтылышы.

[3] Ормон хан шайланганда, коңшу мамлекеттер жана элдер менен тышкы саясат боюнча кеңешчиси болуп дайындалган (кара: Ормон хан илимий эмгектерде…).

Сыдык, Карабай тукумдары

Сыдыктан төрт уулу болгон. Дайырбектин төртүнчү уулу Жакам болуп, андан Байгожо, Үчүке, Мусулман. Байгожодон төрт уул болуп жана бир кызы болгон, аты Ырыс. Кызын Мамаке деген мундузка берген, андан Саты, Туу…, Ыйман үч уулу. Сатыдан Карача, андан Каат, Эгемберди. Ыймандан, Адыл, Атакелди, Жүндүбай, андан Осмонкул….

Байзак Жакамдын эң улуу уулу болуп, Таштамбек, Карабек, Мырзабек, Байастан уулдары болуп, Таштамбек замандын шартына карата заманында эр болуп, жаш убактысында өлгөн. Андан Алчын, андан Дыйкан болуп, бул киши азыркы 1-Жантай атагындагы элди бийлеп, бир болушка кадырлуу турганда, 1911-жылы бир айында жердин титирегенинен там басып, 62 жашында өлгөн. Алыбай, Сары, Шабданаалы деген 3 иниси болгон. Үчүке Жакамдын экинчи уулу. Байгазактан Байастан, Байастандан Кармыш, Супатай (…) 110-бет: болуп, андан Үркүмбай, Куртка, Талкан, Сарыбай, Ботбай, Карбоз деген алты уулу болгон. Үркүмбайдан Алыбай, андан Садык. Ботбайдан Күрөңкөй, андан Мамбеткул, Ысак, Абдылда жана Ботбайдан экинчи уулу Соке…

Жакамдын үчүнчү уулу Мусулман болуп, бул киши өз убактысында жантай уругуна бий болуп өттү, йагны жантай уругу доосун бул кишинин алдына келип, чыбык кырктыруучу[1] эле. Йагни бул кишинин айткандай бүтчү эле. Шамырза, Чыңгыш, Чыныбек, Чолук деген төрт уулу болуп, Чыныбектен Кулбай, Чолуктан Кебек. Шамырзадан тукум жок. Чыңгыштан Атакелди, Турдубай, Тултемир, Кешикбай, Саякбай деген беш уулу болуп, Саякбайдан Маталы, башкасынан тукум жок. Кебек Чолук уулу 1928-жылдан 31-жылга чейин болуш болгон.

111-бет: Жакамдын төртүнчү уулу Байгожо болуп, бул киши убактысында бай болуп, уулу Куталыны Жантайдын уулу Шабдан менен дос кылып, ошол дос кылуу менен чапрашты Суранчы анда ашка (?) түшкөн Кубат деген уулун текке чыгартып алып[2] жана Дайырбек тукуму бүт Эсенгул элинен тынайга алып калганы, йагни токтоп калган. Бул токтоп калышы 1852-жылында болгон.

Байгожонун Куталы, Кубат, Кенжетай деген үч уулу болуп, Кенжетайдан Ыйсатай, Чону…, Өмүралы, Кусаин деген төрт уулу болуп, Кубаттан Ысманкул, Абыке эки уул. Куталы эң улуусу болуп, андан Бөөмбай, Курманалы, Эсенаалы үч уул. Бөөмбай, андан ушул тарыхты жазуучу Насирдин ушул 1932-жылга 42 жашта….

112-бет: Дайырбектин бешинчи уулу Мадыган болуп, Мурат, Майрыке, Атагелди, Бердимат уу…

Мураттан Бай, Байчоро. Байдан Абийир, Атайкеде. Байчородон Дайырбек, Жума, Ишемби, Дүйшөмбү, Шаршемби. Майрыкеден Баймырза, Ороз болуп, Ороздон Сүйүналы, Ажыгул кыштагында. Баймырзадан Мамбеталы, Султанаалы. Атакелдиден тукум жок. Бердиматтан Алчымбай, Кордой. Дайырбектин алтынчы уулу Сеңкилтай болуп, андан Сарык, Сейит, Бердикожо, Байжигит, Чынгожо, Дөбүт алты уул болуп, Бердикожо, Байжигит, Алчымбай, Кордой менен энелеш, йагни Сеңкилтай өлгөндөн кийинки катынын Бердимат алып, андан туулган. Сарыктан Чопо, Ниет, Кубат, Алымбек төрт уул. Сейиттен Кудаш, Келерис.

113-бет: Кудаштан Жантели. Келеристен Корума. Дайырбектин алты уулунун бирөөсү калмакта калган. Бешөө бул жерге келип, беш калмакы деп айтылган. Булардын тукуму 1916-жылында 200 түтүнгө жакындап барган эле. 1916-жылы Кытайга качып барып, кайта келген себептүү ошол тополоңдо азайып, 1922-жылдарда 22 түтүн болуп, 1931-жылга 140 түтүн болгон. Бул Дайырбек балалары калмактын чабуулуна түшүп кетип, кайта келүү себептүү калмакы деп айтылган. 1922-25-жылдан тартып, кыштагынын аты түп атасы болгон Жантайдын наамына, аны Жантай деп койушкан. Бул убактардан калмактан келип, кыргыздын ичинде турганына кошулууна 200 жылга жакын сарыбагыш Эсенгулдун аты менен болот 114-бет: жана бийлеп турган. Мындан кийин 1742-жыл Тооке кандын тукумунан Абулай кан1 деген кыргызды чаап жана кыргын кылган2. Мына ошол кыргызда Ыбыке Абулай кандын колуна түшүп[1], Абулай бир канчалык күн кыргызды бир канчалык күн көгөнгө байлатып, башын кылыч менен чаптырган имиш. Ошондо көгөндүн айагындагы кишилерден бир кишини айтып суратуу менен бир азырак кишини көгөн түпкө деп, аман калтырган. Ыбыке ошол аман калган кишилердин ичинде калып калган. Абулай аман калган кишилерге үйүнө кетүүгө уруксат деп айткан. Ошондо Ыбыке жүрүп олтуруп, сарыбагыш уругун Кетмен-Төбөдөн тапкан. Кыргыз уругу күчтүү кол жыйнаган Абулай кандын бетине чыдап тура албастан, бугу уругу Текеске, черик 115-бет: моңолдор Какшаалга, сайак уругу Кабакка, сарыбагыш, солто уруктары КетменТөбөдөн өтүп, Кокон-Кыштактын үстү жана Кетмен-Төбөгө жердеп турушуп, он бир жылдан кийин кайта Чүйгө келишкен1. Болот бий ушул жерде өлүп, сөөгү Анжиянга жүктөп барып, Арыстанбапка койулган. Абулай кандын чабуулунда Эсенгул 11 жашта болуп[1], ат чаап жүргөн кези болгон. Солто, сарыбагыш уруктарынын Чүйгө кайтып келиши 1755–56-жылда болгон. Мына ушул убактыда Чүй жана Ысык-Көл тараптары ээн болуп калган. Себеби Чүй, Ысык-Көлдүн кай бир жерлеринде кыргыз менен аралаш жердеп келген калмактардын калдыктарын Абулай кан жана сарт кандары кубалап, күн чыгышты көздөй сүрүп жиберген.

116-бет: Калмактардын сүрүлүп кетишине себеп, өз доорунун Кытай менен жоо болушуп, кандык талашып, Кытайдан жеңилип, түбүнөн көчүп кетиши себеп болгон. Кайта Чүйгө келгенде, солто уругун Жамансарт балалары, сарыбагыш уругун Эсенгул бийлей баштаган.

Абулай ким эле деген убактыда, Абулай Тооке кандын тукумунан болуп, Абулайдын атасы кандыкка таарынып, Кыбага[1] таякесине барып, атасынын көзү Кыбада өтүп, Абулай (бирөө ???) менен урушат. Абулайдын минтип, тентип жүрүп, мени менен урушканча түбүңдү табсаңчы деп айткан. Абулай үйүнө келип, энесинен сурап, түп жайын айттырып алып, истеп жүрүп отуруп, казак ичине 117-бет: келип, дуулат Төлө бийге жолугат. Өз атын жашырып, атым Салпайак[2] деп, Төлөнүн койун кайтарып жүргөн.

Бир күнү казак менен калмактын Калдаң-Челдең[3] деген каны казактарга таарынып, казактарды чапмак болуп, Чарыч деген баатырын соот урушу кийимин кийгизип, жекеге чыгарган. Казактар Чарычтан коркуп, Чарычтын бетине чыга албай турганда, Салпайак мен чыгам деп айткан. Көпчүлүк макул деп, уруш кийимин кийгизип, тандап ат мингизип, Төлө бийдин

жылкысын багып жүргөн Салпайакты Чарычтын бетине алып чыккан. Салпайак качырып барып, Чарычты өлтүрө сайып түшүрүп, ушул Чарычты өлтүрүү менен Абулайлап, калмактардын тобуна 118-бет: бет алып качырган. Казактардын тобу башта калмактардан коркушса дагы, Абулай калмактын баатыры болгон Чарычты[1] өлтүрүү менен кайра аттанып, Абулайды ээчип кошо качырышып, калмактарды жеңип кетишкен. Мына ушул жеңүү казактар жана Абулайдын калмактарды биринчи жеңиши болуп, казактын көпчүлүгү өз аты Абулай болуп, Тооке кандын тукумунан экендигин билишип, кан шайлашкан жана ошондон тартып Абулай калмактын чоң каны Чыңкыс кандын заманынан

бери үстөмөндөгүн жүргүзүп келе жаткан маңгул тукуму калмактарды Иле, Чүйдөн күн чыгышты көздөй сүрө баштаган. Бул калмактардын сүрүлүп кетишине биринчиден 119-бет: Абулай себеп болсо[2] экинчиден калмактарды кайырдин эсептеп, сарт кандарынын каршы болушу, үчүнчү маңкул тукумунун кандык талашып, Кытайдан женилип, түбүнөн алсызданып күчүнүн кетиши. Абулай кан жеке калмак эмес, кыргызды кошо жоолап, кыргыз Абулайдын душмандыгынан сактануу үчүн 1742-жылда кыргыз канчалык көп кырылгандан кийин 1744-жылдарда[3] Анжиян тараптары жана Кетмен-Төбөгө барып, он бир жыл тургандан кийин Чүйгө киши жиберсе Чүй ээн экен деп барат. Чүйгө келген киши солтонун көгөй деген уругунан койкоң Назар деген өзү жөө күлүк киши эле. Бул киши култуу уругунан Чал деген кишини Меркеге жакын бир 120-бет: тоодон түтүн чыкканын барса, ошол тоодо Чал деген киши эки кызы менен олтурганын көргөн. Кыздары кача баштаганда, койкоң Назар кармай калган. Чал тим бол деп айткан. Мына ошон үчүн ошол тоону Чалдын тоосу деп, ошол жерди тим бол деп атаган. Жана ошол тоонун күн батышында Кара-Кыштак деген жерде калмактын каны турган шаары болуп, коңтаажы ошол жерде турган. Алиги Чалдын турган үйүндө айуу талпактары болуп, бул кишини айуунун этин жеди деп, айуукор деп айтышкан[4]. Чүйдө калмак болуп, коңтаажынын турган шаары Чалдыбар болуп, ээн калгандыгын айтып барышып, ошол 121-бет: кабар менен Чүйгө эл келе баштады. Элдин келгенинде туулган болуп, Жамансарт деген киши баласынын атын Эсенаман койуптур. Эсенаман 85 жашка чыгып өлүп[5], өлгөнүнө быйылкы 1931-жылга 90 жыл болуп, барлыгы 1932-жылга 176 жыл болгон.

Чүйгө келгенде, сарыбагыш уругун Эсенгул Болот уулу бийлеген деген элек. Эсенгул Анжийандан таруу алдырып келип, азыркы Атайке кыштагындагы Чоң-Алыштан суу чыгартып, Чүйдүн суусуна алыш алдырып, ошол жерге таруу айдаткан. Андан мурда Чүйдө таруу жок болгон имиш. Мына ошонтип, Чүй кыргызга жер болгон.

122-бет: Чүйдүн көкүрөгү, йагни күн чыгыш жагын Темир-Болот тукуму, ортороок жерин Тынай, андан Бөлөкбай, андан Талкан, андан кыргыздын сол деген уруктарынан кушчу, саруу дагы башкалары ээлеп, жердеп келишкен[6].

Абулайдын түп атасын болгон Тооке кан кыргызка жоо болбогону менен Абулай кан, анын уулу Касым, анын уулу Кенесары, Ноорузбайдан тартып, кыргызга жоо болуп, касташып келди. Бирок касташканы эң акыры Абулай тукумуна пайда болгон жок. Жазасын Чүйдүн суу менен Мыкандын Кара-Суусу жана Текеликтин-Сеңири берди.

Абулайдын тогуз катынынан 30 уулу болуп[7], эң кичүү уулу Касым, андан Кенесары, Норузбай.

[1] Калдаң Серең, Салпаяк, Чарыштар жөнүндөгү окуяларды Ш. Кудайберди уулунан кайталап жатат. Анда Чарыш (Шарыш) калмактын ханы деп көрсөтүлгөн. Ал эми Абылайдын 1741-ж. калмактын Чарыш деген баатырын (чынында калмак ханы Галдан Цэрэндин Чарыш аттуу баласы же тууганы болгон эмес) сайып өлтүргөнүн, ошол эле жылы май айында калмактардын колуна түшүп,  1743-ж. июль айларында бошонуп чыкканы жөнүндө айрым изилдөөлөр да жарык көрүүдө (кара: Сулейменов Р.Б., Моисеев В.А. Из истории Казакстана XVIII века. А., 1988. 6-7-б.; Абылсейит М. Казак ханы Абылай тууралуу тарыхтын актай барактары. //Кыргызстан тарыхынын маселелери.

№4. 2006).

[2] Калмактардын сүрүлүшүнө себепти жалгыз Абылайдан көрүү туур а эмес. Анын себептери жогоруда берилген изилдөөлөрдө жана Алымбектин санжырасында толугураак берилген.

[3] Хроногиялык жылдарды туура эмес келтирип жатат. Бул жылдарды кыргыздардын Анжияндан кайтып, Кетмен-Төбөгө орношкон учуру деп кароого болот. Кошумчага санжыранын жогорудагы 115-бетине карата берилген түшүндүрмөгө салыштырсаңыз болот. 1732-ж. КетменТөбөдө турган кыргыздарды калмак чапканы тууралуу маалымат бар (кара: Аристов Н.А. Аталган эмгек. 406-408-б.).

[4] Бул окуяларды Б. Солтоноев, Алымбектин санжырасы жана О.Сыдыковдор кененирээк толуктайт.

[5] Эсенаман 1841-ж. 85 жаш курагында каза болгонун Осмонаалы Сыдык уулу да көрсөтөт (кара: О. Сыдыков. Тарыхы кыргыз Шадмания Б., 1990. 87-б.). Солтолор Кошой бийдин ашын өткөрүп, башкалардан кийин көчүп келген. Бул окуялар илимий салыштыруулар аркылуу да такталууда (кара: Турганбаев Э. Казак-кыргыз байланышы тууралуу тарыхый маалыматтардагы кээ бир кемчиликтер. //Эл агартуу. 2004. №11-12; Ошонуку эле. XVIII к. экинчи жарымындагы казак-кыргыз мамилелери -тарых барактарында. //Алымбектин санжырасы.).

[6] Кыргыздардын Чүйдөн Илеге чейин орун алышы аталган Алымбектин санжырасында так берилген.

[7] Ч. Валиханов боюнча Абылай хандын 12 аялынын бири (жетинчиси) кыргыздан келген олжо Топуш ханым болгон, андан Абылай эки кыз көрүп, ал кыздардын бири Тооке хандын уулу – Турсунга узатылганын, Абылай хандын төртүнчү аялы да кыргыздын Саргалдак кожо олуянын кызы болгонун көрсөтөт (кара: Валиханов Ч.Ч. Аблай //Собр. соч.: в 5  т. А., 1985.Т.4. 111-12-бб.). Ал эми Машкүр Жусуптун кол жазмасында: «Абылай хандын алгач алган байбичесинен (карауыл кызы) уул жок, жалгыз кыз болду. Ал – Жамантайхандын шешеси. Андан соңку катыны – каракалпак кызы, андан Уали хан, Чыңгыс султан, Адил султан, Эшим султан жана сарт катынынан: Рүстем султан, Чеген султан, Сыдык султан, Аубакир султан, Габдолла султан. Кожо кызынын

[1] Хива

[2] Казакча Сабалак (кырг. самсаалак; орус. лохматый, косматый – мис., сабалак  ит = лохматая собака), ал жөнүндө алгач Шаакерим Кудайберди уулу кабар берет  (кара:  «Түрк,  казак, кыргыз жана хандардын шежиреси»,  Оренбург,  1911), ошону менен тааныш болсо керек.

[3] Орусча Галдан Цэрэн (моңголчо Galdan Seren, 1693-1745) – жуңгар ханы (1727-45), Цеван Рабдан коңтаажынын уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түштүк-батыш, батыш, түндүк-батыш тарабындагы кыргыз-казактарга кол салып, Цин империясы менен мамилеси бузулган. Анын тушунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздарга жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыздарды убактылуу багындырып, Ташкент шаарын басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Доржу жана Сейтен нойондун колу Наманган, Кайнар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кайра караткан (1742-45). Ал өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа-Намджил-ЦэванДоржу хан, 1745-50) келген. Анын такка ээ болушу менен Жуңгар хандыгындагы саясий-экон. кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз санжырасында «он сан ойрот бузулганда» деп айтылып калган.

[1] Эсенкул баатырдын туулган жылы жөнүндө так маалымат жок. Аны салыштыруу жолу менен гана тактоого болот. Мис., Б. Солтоноев боюнча Болот бий кыргыздар калмактан сүрүлүп, Сыр-Дарыядан өтүп жатканда туулган. Бул окуя 1684-85-ж. туш келет, же ал башка окуялар менен да тыкыс байлаышып турат. Мис., Эсенкул Болот бийдин 40 жашында көргөн баласы. Ал эми жогоруда биздин санжырачы көрсөткөн Эсенкулдун экинчи аялынан (биринчи аялынан Асанбай, Үсөнбай ж.б. балдары бар) көргөн улуу баласы Ниязбектин ашы 1843-ж. өткөнүн Б. Солтоноев көрсөтсө (кара: Аталган эмгек. 2 т. 200-б.), Балыкооз: «Жүзгө чыккан Ниязбек, Жүдөгөндөн өлбөйбү» деп эскерет.  Демек мындан Эсенкул баатыр болжол менен 1720-23-жылдарда туулган деген жыйынтык чыгат.

[1] Абылай алгачкы жолу кыргыздарга 1764-65-ж. Иле тараптан кол салган (мис., «1764-жылга карай Кытайга жакын өңүрдү жайлаган Улуу жүз менен Орто жүз казактары Кытайга караган кыргыздардын үч жолку чабуулуна учурап, мал-мүлкүнөн ажырап, көбү туткунга түшөт. Абылмамбет хан уулу Болот аркылуу Абылай султанга кат жиберип, кыргыздарды чаап кел деген» [кара: Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков (Сб. документов и материалов), 668-б.]). Кийинки убакта  1766-80-ж. Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан бир нече ирет кол салганы такталууда (кара: Турганбаев Э. Взаимоотношения кыргызов и казахов во второй пол. XVIII в. и проблемы их исследования. //Вопросы истории Кыргызстана. 2007. №1). Ыбыкенин колго түшүшү Иле жакта болушу мүмкүн. Б. Солтоноев толугураак маалымат берет (кара: Аталган эмгек. 1 т. 170-71-беттер). Анткени сарыбагыш менен саяктар 1761-ж. эле Ысык-Көлдүн чыгышынан (Кеген-Каркыра) конуш алып калган (кара: Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001. 429-б.). 3) Абылайдын чабуулунда кыргыздар Какшаал, КоконКыштак ж. б. качкан эмес.

[1] Чыбык кыркуу – ант, шерт, убаданы бекитүү. Бул жерде ал кишинин калыс, туура экенин көрсөтүп жатат.

[2] Суранчынын сарыбагыштар менен жакындыгы тууралуу Ала-Тоо (Алатав) округунун приставы (1858–65) Г.А. Колпаковский: «Албан менен сарыбагыштардын отун күчөтүп күйгүзүү тууралуу маселеге келсек, биз үчүн бул ишке чечкиндүү кирише турган, соңку барымтада көңүлү катуу калган албан баатыры Тазабектей жана дагы бир ат кулагы менен тең ойногон, баатырлыгы менен аты чыккан Малай баатырдай эч ким кызмат көрсөтө албайт. Менин Тазабек менен мамилем абдан жакшы жана тез-тез байланышып турам. Эми аны Верныйга чакыртып алып, сарыбагыштарга тийиштүү окуялардан кабар алам. Суранчыга келе турган болсок, ал бардык сарыбагыштар менен жакшы мамиледе жана ал биз үчүн Ормондун тукумуна каршы кызмат кылат деп ойлобойм, ошентсе да аны менен жолугуп, Үмөтаалылар менен достугунун чоо-жайын билип, эбин таап, мүмкүн болушунча алардын далайдан бери келаткан достугун бузууга тырышып көрөм. Суранчы кекчил адам, кези келсе өзүнө каршы ким болсо да ошол замат 2000ден кем эмес жигитин аттандыра алат» деген көрсөтмө берген (кара: Махаева А.Ш. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши жарымы – XX к. башы), А., 2007).

123-бет: Улук тоо

Улук-улук, улук тоо – аккан суусу тунук тоо,

Ошол тоону жердеген, ойон кыргыз болсун суу.

Ысык-Көл башы Каракол, күн чыгышы Нарынкол. Ушул тоого орногон, кыргыз журту оң менен сол. Агып жаткан Нарынкол, көргөндөргө дайын жол, Музарт бели улук тоо, байыркыдан калган шол.

Тыйаншан деген бир атың, Кытай жутулатын, Кан Теңири атанган, караламан көп журтуң,

Түш жагында Кара-Тоо, түн жагында Ала-Тоо.

Дүйнө жүзү суктанган, түрк ордосу улуу тоо.

Оң чекеде чоң Алтай, айагында Гималай,

Капталында Сарыкол, кайкып жаткан кең Алай,

Алтышаар, Түркстан, Тарбагатай оң түштүк,

Түн багытың Сары-Арка, түш тарабың Хиндустан, Бир тумшугуң Ала-Тоо, Ташкен, Талас, ара тоо, Иле, Чүйдү талашкан, илгертеден далай жоо.

125-бет: Аму дарыя, Сыр дарыя агып жаткан  көп дарыя.

Бир жылгаңыз кен Талас, жердеп келген эр Манас. Бир бутагың Зарафшан, атагы зор Самаркан, Талкалаган Искендер1, талап кеткен Чыңкыс кан.

Ордо кылган Темирлан, оодарылган шум жалган.

Амир Темир заманы, артыкча канга бойлогон, Бир айагы Фаргана, жериң артык Жыргалаң,

Текес, Күнөс, Агыйас, Иле сууга аралаш. Түп атаңыз Угус кан, Кытай, Афган, Хиндустан, Араб, фарси, көп түрктөр алымына тургузкан.

Улук өткөн Томирис[1], Атла кан[2], Жаангез.

Миң жыл жакын чамалап, жердеп келген бул кыргыз.

Жери жер-жемиши учкан куш,

Жалпы жыгач болгон туш сени алмакка умтулган,

Күн батыш менен күн чыгыш, 126-бет: кыргыз атагы бир болгону менен ичинде бир нече урукка бөлүнүп, ар бир уруктун өзүнүн баштыгы болуп, илгертен ар бир атанын баласы өзүнүн баштыгы бийлеп үстөмдүгүн жүргүзүп келген. Мисалы, сарыбагыш уруктарын Манап тукуму бийлеп, солто уруктарын Талкан, андан Жамансарт жана анын уулу Түлөберди бийлеп келген. 1760–1770-жылдарда сарыбагыш уругун Эсенгул бийлеп, солто уругун Түлөберди[3] бийлеп турушуп, кыргыздын башка уруктарын дагы ичинен өзүнүн баштыктары бийлегени менен сыртынан ушул эки уруктун башчысы болгон[4] Эсенгул жана анын уулу Ныйазбек, солто уругунун 127-бет: баштыгы Түлөберди жана анын уулу Эшкожо, Канай – мына ошолорго баш ийип келишкен. Кыргыз көпчүлүгү солто уругунан Эшкожо, сарыбагыш уруктарын Ныйазбек бийлеп турушкан. Убактысында экөө айтыша кетип, Эшкожо Ныйазбекти айтыптыр: түп атаң менен бир туугандын балдарына таарынып, Тогузбайдын кызын тартууга алдың1, чоң атаң менен бир тууганды чоң чарык койуп жедиң, тайакең менен бир тууганды таштокум койуп жедиң, берки атаң менен бир тууганды беш күрөң койуп жедиң, эми өзүң менен бир тууганды борукчу койуп жеп олтурасың деп[5]. Мына ошол замандарда эл аз болуп, жер көп, элдин пейли кең, ичкен мас, жеген ток, кайгы жок, эл табылганын тең көрүп,

128-бет: меники сеники жок. Эл көчмөндүгө көнүп, адабийатка жана маданийатка элдин көңүлү жок, көпчүлүгү бир кишиге баш ийип турбастан, өкмөт куруп, бирдиги кылып, душмандан улутун сактап калуу иши аларда жок. Сарыбагыш уругун Эсенгулдан кийин анын уулу Ныйазбек, андан кийин анын уулу Ормон бийлеп туруп, Ормон өз убактысында жеке сарыбагыш эмес сайак, бугу, моңолдор, черик жана дагы башкаларды бийлеп, кандык даражасына жетип, кыргыздын бир нече уруктары келип, кан шайлап кетишкен[1].

Жантай уругу сарыбагыштын бир уругу болгону менен, бул урук мурунтан бери Манапка букара болуп келди. Ормон заманында 129-бет: жантай уругу, йагни Жантай андан Сары, андан Акий, андан Бөрүчөк, андан Кусеке, андан Акий, андан Дайырбек, андан Ыбыке, андан Көкө, андан Жайчыбек деген киши болуп, бул киши 1807-жылында туулуп, 1887-жылы 80 жашында өлгөн. Бул киши букара насилинен болуп, айылы аз болгону менен өзү бет алгандан кайтпаган эр болуп, өзү чоңойуп, ат жалын тартып мингенден тартып, теңдигин кишиге жиберген эмес. Замандын шартына карата аттанып, жылкы тийип жүргөн. Бир күнү Жантайдын Айуке деген уругунан Майтык баатыр жана өзүнүн атасы менен бир тууганынын баласы Эшим болушуп, барлыгы 19 киши Коңуруктун Таман карагай деген жеринде барып жатышып, Коңуруктун күн чыгышы, түн жагындагы Алматынын ашуу 130-бет: сунан ашып келишип, жеткен Алматынын күн чыгышындагы Байтуума жайлоого 120 чамалуу элдин келип, ошол жерге жатып, ат чалдырып, тамактанышканын билип турушуп, булардын аттанып келе жаткан казак экенин билип, ат тандап мингизип, эки киши жиберишкен. Силер барып, карааныңарды көрсөтүп кайта качкыла, силерди кубалап келе жатканда, биз ошол жерге келгенде кайта сайабыз дешкен. Айткандай эки киши барышып, жакындап барышып, кайта качышкан. Жайчыбек менен Майтык, Эшим жанындагы жолдоштору менен түшүп турушуп, Каракум деген жерден кайта сайышып, алтымыш кишини жана жүзгө жакын ат түшүрүп алышкан. Касбак баатыр 131бет: деген казакты Жайчыбек сайып түшүрүп, Кара ат деген күлүк атын Жайчыбек баатыр алган. Мына ошондой эрдик кылып, көп олжо алып кайта келишкен.

Жайчыбек Чүйдүн Желаргы, Карачанын сеңири деген жерден Ныйазбектин сегиз бегинин эң улуусу Ормон кандын агасы Бердибектин уулу Менде жез чочмор менен урушуп, Мендени жана анын уулу Байастанды сайган. Менде Бердибек уулу уругу көп жана чоң манап тукуму болгону үчүн көпчүлүк элдин баарысы болушуп кетип, 200 чамалуу эл менен Жайчыбек, Майтык, Карачолок деген 132-бет: жантайдын үч бөрүсү, йагны үч баатыры 80 чамалу киши менен каршы туруп урушуп, 300 чамалуу кишиге Жайчыбек, Майтык, Карачолок үчөөнүн эрдиги менен 80 чамалуу киши теңдешкен. Ныйазбектин сегизинин эң кенжеси болгон Ырыскулбек күңгөйдөн келип, эки жоо болгон элди калыстык менен жараштырып, Көкө менен Мендени сөөктөштүргөн. Бул жараштырууда Ормон кандын кишилери дагы болуп, Ормон өзү күңгөй Ак-Суу деген жерде болгон. Бирок Ормон өзү келбей, кишилерин жиберген.

Ал убактыда өзү букара жана айылы тууганы аз болсо дагы манап менен башка 133-бет: кишилер урушуп, эрегише алган эмес. Мындай эрдик жалгыз Көкөнүн уулу Жайчыбектин колунан келди деп айтууга гана болот.

1849-жылында Жайчыбек өзүнүн жакындарын алып, Чүйгө келип, Тынай атагындагы болгон Карабектин уулу Жантайдын элине кошулган[2]. Андан мурда Эсенгул эли атагында Ормон кандын элине караштуу болуп турган. Бирок Жайчыбектин көп туугандары Эсенгул элинде калган.

Бул калгандарынан 1852-жылы Ормон казак барып, жерине көчүп барып, кайта Кашкелеңди ашып келип, Чүйдүн көкүрөгү Кара-Булак, Бейшеке жана Кичи-Кеминге 134-бет: Ормондун эли келип конгондо, Карабектин уулу Жантай Жайчыбекти ээрчитип барып, өзүнүн жакын туугандары болгон Байгожонун үйүнө барып, Жантайдын өзүнүн жанындагы ээрчитип жүргөн баласы 13 жаштагы Шабдан деген баласын менен Байгожонун уулу Кутаалы менен дос-тамыр кылып, ошол достоштуруу аркасында Жайчыбек өзүнүн туугандарын Ормондун элинен өзүнүн жанына Тынай атагындагы элдин ичине токтотуп алып калган. Жана дагы Жантай Байгожо байдын казактан жылкы тийемин деп барып, казактын колуна түшүп калып, кадоодо йагны туткунда жаткан Кубат деген уулун казактан текке чыгарып алып келип берген. Мына ошондон тартып Жайчыбек өзүнүн урук 135-бет: туугандары болуп, Жантай уруктарын Эсенгул элинен Тынай атагында болгон элдин ичине өзүнүн жанына жыйнай баштап, азыркы 1-Жантай, Ажыгул, Акжол, Атабай, Атагул атагында болуп, Акчабуу, Кубат, Белек, Мендеке, Таштокум, Айуке жана Токтоокудан, эски Токтооку атагындагыларды баштап, Чүйгө алып келген жана 1849-жылдан тартып жыйнай баштаган Жайчыбек болгон.

Жайчыбек өзүнүн Эсенгулдан Тынай элине 1849-жылы көчүп келип, ошол жылы Чүйдүн Кичи-Кемин, Кертабылгы деген жеринде төө минип, Жантайдыкына келе жатса таңга жакын бир топ жылкы айдаган казактар алдынан чыгып, бул казактарды сайып, экөө качып кетип, бешөөңү колго түшүрүп алып, өздөрүн байлап алып, алып бара жаткан жылкылары менен кошуп, Жантайдыкына алып келген. Мына ошол алып келүү менен Жайчыбектин атагы менен бүткүл Тынай жана башкаларга билинип кеткен.

[1] Бул тууралуу малыматтарды «Ормон хан илимий эмгектерде», ж.б. илимий булактардан кененирээк табууга болот.

[2] С. Абрамзон да Меңназар, Карачолок, Жайчыбек тууралуу ушул окуяларды кайталайт (кара: «У истоков манапства (экспедиционные очерки)». //Советская Киргизия. 1931-ж. 1-апрель). Демек, макаланын ушул санжырадан алынганын түшүнүүгө болот.

Солтолор Кошой бийдин ашын өткөрүп, башкалардан кийин көчүп келген. Бул окуялар илимий салыштыруулар аркылуу да такталууда (кара: Турганбаев Э. Казак-кыргыз байланышы тууралуу тарыхый маалыматтардагы кээ бир кемчиликтер. //Эл агартуу. 2004. №11-12; Ошонуку эле. XVIII к. экинчи жарымындагы казак-кыргыз мамилелери -тарых барактарында. //Алымбектин санжырасы.).

[1] Кыргыздардын Чүйдөн Илеге чейин орун алышы аталган Алымбектин санжырасында так берилген.

[1] Ч. Валиханов боюнча Абылай хандын 12 аялынын бири (жетинчиси) кыргыздан келген олжо Топуш ханым болгон, андан Абылай эки кыз көрүп, ал кыздардын бири Тооке хандын уулу – Турсунга узатылганын, Абылай хандын төртүнчү аялы да кыргыздын Саргалдак кожо олуянын кызы болгонун көрсөтөт (кара: Валиханов Ч.Ч. Аблай //Собр. соч.: в 5  т. А., 1985.Т.4. 111-12-бб.). Ал эми Машкүр Жусуптун кол жазмасында: «Абылай хандын алгач алган байбичесинен (карауыл кызы) уул жок, жалгыз кыз болду. Ал – Жамантайхандын шешеси. Андан соңку катыны – каракалпак кызы, андан Уали хан, Чыңгыс султан, Адил султан, Эшим султан жана сарт катынынан: Рүстем султан, Чеген султан, Сыдык султан, Аубакир султан, Габдолла султан. Кожо кызынын катынынан: Касым, Артык ( автордун башка кабарында: Касым, Арык, Ток). Дагы бир карауыл катынынан: Шыгай, Тагай, Шаки. Калдан Сереңден токол кылып алган Аюке кызы – Топыш сулуудан Касым хан жалгыз. Калмактан олжолоп алган катынынан Төлөк жалгыз. Дагы бир олжого келген калмак катындан Чама төрө жалгыз. Абылай хан он жети катын алган, отуз уулдуу болгон. Ошолордун ичинен: «Абылайлап!» жоо чаап, Абылайдың арбагын чакырган жалгыз Касым, анын урпактары: Саржан, Кенесары хан, Наурызбай, эң акыры – Сыздык төрө. …Бир Касым урпагынан бөлөк Абылай урпагынан «аш ичип, аяк бошоткондон» башка бокко да татыган бирөө чыккан жок» (кара: Көпейулы М. Ж. Абылай хан //Егемен Казакстан. 1992. 14 каңтар.

1 Александр Македонский (Улуу Александр III, байыркы грек тилинде ?????????? ?’ ? ?????, лат. Alexander Magnus, мусулман калкы боюнча Искандер Зулкарнайн, б.з.ч. 356 – 323-ж.) – Аргеад тукумунан чыккан македон падышасы (336-жылдан баштап), полководец, дүйнөдөгү алгачкы ири державаны түзгөн.

[1] Томирис (болжол менен б. з. ч. 570-520-ж.) -сак-массагет урууларынын ханышасы, скиф урууларынын жол башчысы Ишпакайдын тукуму, Мадийдин чөбүрөсү, легендарлуу падыша Сыпыранын (Спаргапис) кызы (башка маалыматтарда небереси). Аны менен Кирдин (перс падышасы) согушу Геродоттун тарыхында берилген (кара: Геродот «История» I 205-214).

[2] Атыла хан тууралуу Балыкооздун санжырасында да айтылат.

[3] Түлөберди Жамансарт уулу – болжол менен 1758-жылдары туулган, өлгөн жылы белгисиз. Үмөт молдонун санжырасында Кебек бий солтонун атынан 17 жаштагы Түлөберди баланы жибере турган болушканы жана  Түлөбердинин 19 жашында Абылай, Абылпейиз, «кулаккесер» Кудайменделерде акүйлүү болуп жүрүп, балдары -Эшкожо, Канайдын ошол жактан туулганы айтылса (КР ИУА кол жазма фондусу. Инв. № 191, 301 б.), Осмонаалы Сыдык уулу Эсенаманды (Жамансарттын тун уулу) 1841-ж. 85 жаш курагында каза болгон дейт (кара: «Тарыхы кыргыз Шадмания» 87-б.).

[4] Түлөбердинин сөзү боюнча: «…Кыргыз ичинде оң-сол дейт. Оң ичинде бугу, саяк, солто, сарыбагыш, багыш дейт. Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз  ошол Эсенкул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да ал Эсенкулдун сөзүн угат…» (кара: Алымбектин санжырасы).

[5] Тугурдун балдарынын аягы чоң болгондуктан «чоң чарык», Жантайдын бөрүчөк уругунан чыккан Атабайдын бир баласынын ингич аты такай жоор болуп жүргөнү үчүн «таштокум», Болот бийдин байбичесинин беш баласын (кымызды көп ичкендиктен кара-күрөң болушкан деген аңыз бар) Санчы сынчы жактырбаганы үчүн «беш күрөң», ал эми Ниязбектин бир туугандары Куттуксейит, Абдыраман, Шооруктун балдары боруктан улак тарттырганы үчүн «борукчу» атанганы ж. б. сыяктуу аңыздарга байланыштуу айтып жатат. Негизи көп уруулардын аталышы кандайдыр бир окуя, же кыргыздын улуу кишилерин тергөө салтына байланышкан.

Тыныбек балдары

Тыныбек Акийдин уулу болуп, Нуке мырзанын иниси болгон, йагни Сары деген Акийдин инисинин баласы болуп, Акийдин бир катыны Нуке мырзанын энеси. Нуке мырза менен бир тууган деп багып чоңойтуп, Нуке мырза өлгөндөн кийин Нуке мырзанын үйүн ээлеп турган. Мээр, Улак деген Нуке мырзанын эки карындашы бул кишинин карамагында болгон.

Тыныбектен Ажыгул, Кеней деген балдары болуп, Тыныбек калмакка түшүп, көзү калмакта өтүп, өзү өлгөнд өн кийин Ажыгул кыргыз ичине качып келип, өзүнүн туугандарына кошулуп, Бердике, Бердиш деген туугандары катын алып берген. Мындан кийин бир балалуу 138-бет: болуп, баласынын атын Итигул койуп, Ажыгул калмак ичинде калган туугандарын издеп барып, туугандарын таба албай, калмак ичинде 12 жыл тургандан кийин кайта келген. Өзү кайта келгенде Итигул деген баласы он эки жашка толгон. Андан кийин Каработо, Карагул, Борук деген балдары болуп, Боруктан Атантай, андан Жумабай, андан Абдырайым, Касен. Буларды Борук уулу деп айтылган. Карагулдан Саманчы, Таранчы, Шабото үч уулу болуп, Саманчыдан Жаңыбай андан Сайнаке. Шаботодон Тотой, андан Абдылда. Каработодон Эшбото, андан Төлөгөн, андан Чокчон.

Итигулдан Шербото, Байбото, Бөкөнчү, Можо, Торпок беш уулу болуп, Шербото убактысында 139-бет: чоң болуп өттү. Шерботодон Сурантай, Бечел, Байтума, Тайбас, Бокбасар[1], Малдыбай деген балдары болгон. Жана дагы кичи катындан Жолдубай, Толубай деген балдары болуп, Байтума убактысында чоң болуп, бир болуштун сөзү Байтумасыз бүткөн эмес, йагны чоң Шабдандын убактысында 500 түтүн жантайды Байтума бийлеп, ушул бийлөө аркасында 2300 түтүн чамасында Атаке сарыбагышка кадырлуу болуп жүргөн. Байтума жана Байит экөө бийлеп турганда, 1885-жылы Шабданга таарынышып, Дайырбек жана Тыныбек тукумдарын Нарынга көчүрүп барышып, Эсенгул элине Кайдуунун 140-бет: уулу Чоконун жанына 1887-88-жылга чейин туруп, кайта Чүйгө келишкен. Бул Нарынга барышына себеп, биринчи Тилеген деген сайактын 25 жылкысын уурдап алып, казакка өткөзүп жибериши, ошол уурдалган жылкы туурасынан сайак Торгой менен Байтуманын урушу болуп, урушууга себеп тынымсейит Бактыйар уулунун копүйө (копия?) жазганда, сайак, сарыбагыш улут бийлеринин бүтүмүн туура жазбай, уурдап, кемитип жазышы жана сарыбагыш элинен Мамыт Жантай уулунун сайакка болушуу себептери менен ушул жогоруда айтылган Дайырбек жана Тыныбек тукумдары Нарынга барып, мал чарбасын жутка алдырып, кайта Чүйгө келишкен. 141-бет:

Итигулдун Бөкөнчү деген уулунун Мамырбай, Конушбай, Кондубай, Кочкорбай, Бозон деген балдары болуп жана Можон менен Торпоктон дагы тукумдары болду.

Итигулдун экинчи уулу Байбото, андан Жангарач, Мамыт, Бактыйар, Жабагы, Тилеген, Даныйар деген балдары болуп, бул киши убактысында чоң бай болуп, байлык менен Бактыйар деген уулуна Ормон кандын уулу Чаргындын кызын алып берген. Бул киши 1797-жылы туулуп, 1882-жылы 85 жашта өлгөн. Бул жогорудагы айтылган Дайырбек 142-бет: жана Тыныбек тукумдарынын калмакы аталышына себеп, аталарынын калмакка түшүп кетип, бир нече жылдан кийин кайта келиши тууралу айтылган. Жана дагы Коңкош, Кусуке тукумунан болуп, андан Шымалай, андан Ысмайыл, андан Токтомуш, андан Жанкулу, андан Атабай, андан Карала, андан Абдыгалы, Абдыжалы(и).

Токтомуштун Беккулу, Байбол, Жанкулу, Акжол деген уулу болуп, Беккулудан Олжобай, Момой, Чомой. Байболдон Түлөберди андан Жабуу, Жума, Карпык. Жабуудан Ыса, Абдыгапар, Мамыт, Сатар. Акжолдон Чопой, Эсеналы, Ырысменде жана дагы Калбай Кусеке тукумунан болуп, 143-бет: Калбайдан Тайыр, Шүкүр, Котон. Тайырдан Султамбай, Айтбай, Бейшеналы. Шүкүрдөн Тайлак, Мойнок.

Ушул жогорудагы Токтомуш жана Калбай тукумдары 1871-жылдарда азыркы Ат-Башы шаарынын күн батышы жагындагы Эсенгул эли наамындагы элди Шабдан Жантай уулу Чүйдөн оруска айдатып кетиргенде, ошол Эсенгул эли менен кошо кеткен. Ошол бойунча туруп калышты.

Эшиге, Досон, Кусекенин сарт катынын баласы болуп, Эшиге тукуму байан кылынган эле. Досондон Баланыш, андан Кутулду, Мерек, Кенже үч уул. Кутулдудан Кочкор, андан Кожогелди, Калмакчы. 144-бет:

Кожогелдиден Чирикбай, Калмакчыдан Өсөрбай, андан Керимкул, Турдалы. Мерекден Сагындык, андан Бердибек, Муратбек, Качы. Бердибектен Байболот, Байтымбет. Байтымбеттен Дөнөмбай, Атамбай. Дөнөмбайдан Ысмайыл. Кенжеден Байкиши андан Меңназар, Төлөбай, андан Сары, Тыныс,? Андан Базарбай, андан Абдылда, Абды. Меңназар убактысында Ормон канга биринчи жакын киши болгон. Андан Эшкожо.

[1] Ушул Бокбасардын бир уулу Токомбай, андан Аалы (кара: Эсенкул Төрөкан уулу… 1.Т. 73-б.

Токо балдары

Токо Дөөлөстүн төртүнчү уулунун улуусу болуп, Жантай экөө бир энеден болушкан. Анын Абыла, Сабыр, Чагалдак, Өсүк, Чечей, Молой, Бешкөөрүк деген тондуу балдары болуп, Токо өзү өлгөндө кийинки катынынын бойунда калып, андан туулган баласы Каракурсак аталган. Бул Каракурсак тукуму аз түтүн болуп, Бурана эли Шамшынын өйүзүндө турушат.

Токонун тондуу балдарынын ичинде Өсүк Токонун кызынан туулган жээни болуп, Жантайга башкасынан илгертен бери жакын болгон. Токодон Өсүк, андан Коңур, андан эки уул. Аккийиз андан, Кысыроо, андан Кожомшүкүр, андан Шайбек, андан Кулчун, андан Абыласан, андан Жээрембай, андан Жусуб жана Коңур, андан Түгөл, андан Гасыбек, Шарыбек, андан Базар, андан Ыстамбек, андан Айтбай, андан Сарбоз. Бул киши өзү бай болуп, байдын ирээттүүсү болгон жана бир болушка кадырлуу болгон. Сарбоздон Токтосопу… жана Өсүктүн бир уулу Чолук, Асан, андан Тыныбек, андан Ноорус, андан Бекаалы, Бейшей. Бейшейден Андаш. Бул киши убактысында кадырлуу жана бай киши болуп, анын уулу Бообек Андаштын аркасы менен Токо, Жантай, чоң Шабдандын убактысында, чоң Шабдандан 147-бет: суранып болуш кылган. Жана Кожомшүкүрдөн Мырзабек андан Токой, андан Ырыскелди, андан Асан. Өсүк тукуму 1914-15-жылга чейин Атаке сарыбагыш ичиндеги болгону 400 түтүнгө жакындап, Жантай тукумдары болгон туугандары менен ар бир иште ынтымакташ болуп келген.

Молой

Токодон Молой, андан Мышык, андан Абуш, андан Кочкор, андан Казанчы, андан Ысмайыл, андан Жангарач, андан Осмон, андан Мамбеталы молдо.

Чечей балдары

Токодон Чечей, андан Тасдөбө, андан Меңдияр, Алым. Алымдан Олоке, Караке, Бобогой, Сарык, Чоко. Олокеден Гасыбек, андан Мурат, андан Бейшебай, андан Меңназар, Кашка. Меңназардан Жамангул, Кашкадан Кыдыралы. Булар Тынай элинде болот. Нарын, Ат-Башыда да жок эмес.

Абыла балдары

Аргын деген уруктан, Абыла кичи жүз казагынан Сабыр деген иниси менен келип, Дөөлөстүн улуу уулу Токого келип бала болуп туруп калышкан. Жолдо келе жатып Меркеден[1] бир бала ала келишкен.

149-бет: Өзү чаалдак бала болгондуктан, Чагалдак деп айтылган. Булардын келиши өзүнүн жакын туугандарынан бир кишини өлтүрүп, качып келген. Токо өзү чоң киши болгону үчүн башка жактан ооп келген кишилер Токого келип бала болушкан.

Каратоко Манап ай, үй башына бир жылкы ала бергин санабай,–деген сөз Токо өзү убактысында чоң болуп, өзүнө караштуу элден бир жылкыдан алым йагни чыгым алып турушкан. Кыргыз ичинде чыгым салып алуу Токодон башталган. Чыгым салып алуу кыргыздын бир-нече уруктарынын ичинде сарыбагыштан башталса дагы, сайак уруктарында эки эсе деп айтаарлык эле.

Мисалы: Мырсабек, Дыйкамбай 150-бет: уулу менен Калпа Ысрайыл уулдары өзүнө караштуу болгон букараларды мал башына ээ кылган эмес.

Сарыбагыш уруктары ичинде Эсенгул тукумдарында манаптык башкалардан эки эселеп айтарлык эле.

Абыла Токонун тондуу балдарынан болуп, Абыладан Тагай, (андан Кочкор, Теке: автор буларды кайра сызып салган) андан (Сейит, муну сызып салган) Жанчегир, андан Кожомжар, Төлөгул, Эсенгул, Котон. Кожомжардан Ырай, Калпай, Олжо. Төлөгулдан Үчкемпир, Үркүнчү, Жортончу. Үркүнчүдөн Бекболот, андан Байтүгөл, андан Жоке, андан Төлө, андан …. Ырайдан Боромбай, андан Байымбет убактысында Абыланы бийлеп, башка сарыбагыш уруктарына 151-бет: дагы кадырлуу болуп, кыламын деген ишин кылып келишкен эле. Абыланын бардык түтүнү 1914–15-жылдары 200 түтүндөн ашып, 1930-жылдарда Чоң-Кеминде Төрткүл кыштагындагысы 120 чамалуу түтүн болуп, Чүйдүн башка жерлеринде дагы жок эмес.

Сабыр тукуму аз түтүн болуп, Ат-Башыда. Бешкөрүк дагы Токонун тондуу балдарынын бирөө. Булар дагы аз түтүн болуп, Үчүке элине[2] караштуу болгон Надырбек тукуму менен. Чагалдак Абылага жакын болуп, булар барча сарыбагыш ичинде таралып Ат-Башы, Нарын, Чүй куру эмес. Барлык түтүнү 1914–15-жылдарда дайындуусу 350 чамада бар эле. 152-бет: Билинген түтүнү 350 чамалуу болсо, билинбей калгандары да жок эмес. Бир нече жыл кыргыздын урук тарыхына аракет кылып жүрүп, бул чагалдактын айтып берчүү кишилерине жолукбадым. Тарых жазуучу айтып берген кишинин сөзүн жазат, айтып берүүчү болбосо кайсыны жазат.

[1] Казак улутунан деп айткысы келип жатат. Бирок Токо-Манаптын тушунда азыркы Меркеде казактар турганы белгисиз. Мис., 1738-ж. согуш туткуну, швед Г.-И. Ренат түзгөн картада казактардын ордосу (Kasaksi Horda) Балхаш көлүнүн түндүк-батышы, Чүй суусунун түндүгүнөн ары Сары-Суунун башында жайгашса, бурут-кыргыздар (Bruther Kirgiser) Сыр-Дарыянын оң жээги, Бухара (Bucha Rer) менен чектешип турган учуру көрсөтүлгөн. Эң кызыгы ал картада Талас суусунун сол куймасынын биринен (Үрмарал, же Күмүштак) баштап түштүк-батышты карай жүрүп, Самарканд шаарынын түштүк жагына жакын жерден Кара-Тегин, Гиссарды карай өткөн чекитчелер менен көрсөтүлгөн сызыкча берилген. Кыргыздар ошол сызыкчанын ичинде жайгашкан.

Элчибек балдары

Элчибек Дөөлөстүн эң кичүү уулу болуп, бул киши энеси Көкмончок деген калмактын канынын кызы болуп, Дөөлөс бий кандын алдына ак үйлүү болуп турганда, Дөөлөс бийге арзуу менен келип тийген. Бирок жүгүргөн албай, буйруган алат дегендей көңүлүндөгү максаты табылган эмес[1].

Элчибектен Атамат, Алыбек, Жунус деген балдары болуп, баштары таз болгон үчүн таздар атанган. Алибектен Мойунчу болуп, булар Кочкордо, Надырбек элинде Шарше Набай уулу деген жана дагы… 154-бет: Жунустан Тобокел, андан Райымбек, Шайбек, Дайырбек. Райымбектен Ыстам, Эсенгул, Жаман, Кубат, Мамбет деген уулдары болуп, буларды Райымбек уулу дейт.

Шайбектен Боботой, андан Карагул, андан Таштамбек, Тазабек, Алым. Таштамбектен Бозумбай, андан Мүсүралы, андан Максүт. Тазабек убактысында кадырлуу киши болуп, Солтоной, Жылкычы, Ногой деген балдары. Булар Борукчу элинде турушат. Солтонойдон Деркембай деген уулу болуп, бул дагы Борукчу элине кадырлуу болгон.

Атаматтан Беке, Чапча деген эки уулу болуп, Жайча тукуму Саркалпак аталып, Бекбодон Нурке, Жаныке деген эки уулу болуп, Жаныкеден 155-бет: Черикчи, Боктубай эки уулу болуп, Боктубайдан Бити, андан Жакып, андан Жамантай, Жабагы. Жамантайдан Жаңыбай, андан Абыке. Жабагыдан Жумабай, андан Төлөгөн. Черикчиден Эшмурат андан Токо, Ныша, Шапак, Айа, Байтөрө, Жаманболот, Токтоболот, Курман, Ийгилик, Карбоз жана тондуу уулдары Кудаке, Жолдош, Заит, Кокош болуп, булар Эшмурат атанган. Жана Нурукеден Жумаш, андан Итемген, андан Кабыл, андан Кодоң, андан Чоро. Булар Итемген аталып, Эшмурат менен бир тууган. Эшмураттын Шапак деген уулунан Сарбаш, андан Шабдан, андан Ысак, андан Таштуубай жана Сарбаштын 156-бет: Атагозу деген уулунан Мамбеталы, андан Султангары, Абдылдабек. Жана Эшмураттын Жамболот деген уулунан Чоңчокой, Кичичокой жана Токодон Качы, андан Күнтууган, андан Оторбай, андан Төлалы. Кичичокойдон Өмүрсак, андан Шайык. Кудакеден Жоош, андан Жакып, андан Сарыбай, андан Токо, андан Токтомамбет, Жолдоштон Белек, андан Алыбек, андан Абдыралы. Жана Ийгиликтен Байтемир, андан Байган, Осмоналы. Жана Чоңчокойдон Боруке, андан Ныйазалы, Калбай. Жана Чапчадан Эшмат, андан Биткөчөк, андан Бердикожо, андан Байбото, андан 157бет: Кошой, Раманберди. Бул Чапса тукуму Саркалпак атанат.

Кылжырдын өз аты Сарыбагыш, мойну кылжыр себептүү Кылжыр атанган. Кылжырдын Орозбак, Дөөлөс деген эки уулу болуп, Орозбак тукуму бугу аталып, Дөөлөс тукуму сарбагыш атанган. Дөөлөстүн төрт уулунун тукуму Жантай, Манап, Элчибек болуп, Манап тукумунан Түлкүдөн тараган Тынай атагынан башкалары байан кылынып, Тынай уругу акырына калтырылат.

[1] Ушул окуялар көп санжыраларда бирдей, Манапты мен төрөйт элем деген мааниде айтылат. Мис., Дөөлөстүн байбичеси Меншек туубас болгон, ошондо калмактын бир улугунун кызы «ушундан бир жакшы уул туулат» деп, жактырып, ага тиймей болот. Бирок Дөөлөс ага чейин үйүндө жүргөн Жезбийке деген күңүнө жакындашып алат жана анын боюна бүткөнүн билип калган Дөөлөс баатырдын байбичеси билгизбей кичинеден кийиз каттап, курсагын чоңойто берген. Кийин Жезбийке төрөгөндө баланы өзүнө алып, «мен төрөдүм» деп жарыя кылган. Балага Манап деген ат энчиленип, кийинчерээк калмак кызы айткан «жакшы уул» ошол болгон (кара: Эрмек Үмөт уулу жазып алган санжыра. // Кыргыз санжырасы. 269-79-б.). «Манап» деген ысым боюнча да бир нече пикир бар: мис., С. Аттокуров аны Мухаммед пайгамбардын 4-атасы Абд-и Манафка, Б. Солтоноев 1) орто кылымдагы Барскоон шаарынын башчысы манакка, 2) кыргыздын «манек» (толук денелүү, чымыр киши) деген сөзүнө байланыштырат. Көпчүлүк тарыхчылар (Ө. Осмонов, Т. Өмүрбеков ж. б.) Манапты 4-атасы Тагай бийдин тушунда түзүлгөн кыргыздардын конфедерациялык саясий бирикмесин бекемдөөнү уланткан инсан катары таанышат. Ошондуктан эреже катары кыргыз коомундагы кийинки чоң бийлер (мис., бир туугандар Үчүкө, Түлкү, Маматкул Үчүкө уулу, Болот, Черикчи, Эсенкул, Ниязбек, Калыгул Бай уулу) же хан (Ормон хан) негизинен Манап бийдин тукумунан таңдалышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат.

[2] Азыркы Кочкор районундагы Б. Исакеев атындагы айыл 20-кылымдын башында Үчүкө болуштугу, же кыскача Надырбек  деп аталган.

Орозбак балдары

Орозбак Кылжырдын уулу болуп, 158-бет: Орозбактыдан Арык, Асан, Карамырса, Мырзакул төрт уул. Арыктан Балтатыр, Жоотатыр деген эки уулу болуп, Балтатырдан Балбан, Сарыке.

Жоотатырдан Көчөк, андан Байым, Сейиткулу, Сейитказы, Калматай төрт уулу болду. Сейиткулудан Тагай, Дөнөк эки уул. Тагайдан Ныйаз, Токтош, Тыныш, Кудайберди төрт уул. Токтоштон Ыкай, Самтыр, Байбөрү. Самтырдан Жакып, Мырзабай, Ыйман. Мырзабайдан Беркимбай, Чаргын. Беркимбайдан Туматай. Барлык Арык тукуму эки болуш болуп, бири Ысык-Көлдүн айагы Ак-Өлөң, Ылакол жана Семиз-Белде. Экинчиси көлдүн башында болуп Кыдыр аке деген кадырлуу, журт билген киши болгон.

159-бет: Арык тукумунун түтүнү 1915-жылдарда 3000 түтүндөн ашып, Асан тукумунун түтүнү 10 түтүндөн ашкан эмес. Карамырза тукуму 100гө чыкпаган түтүн болуп, булар Ысык-Көлдүн күн чыгышында Кең-Суу элинде турушат.

Мырзакул байаны

Мырзакул Орозбактынын уулу болуп, Мырзакулдан Тынымсейит, Алсейит деген эки уулу болуп, Алсейиттин улуу катынынан Боор деген эл болуп, булар дагы Кең-Суу элинде өзүнүн туугандары менен турушат.

Икайа

Бир күнү Асан менен Карамырза Нарын шаарынын түштүк сол чеке жагындагы Аламышык деген тоого кийик уулап барып, ошол тоодон бир кыз таап алышып, үйүнө алып келген. Ошол кызды Арык, Асан, Карамыза, Мырзакул төртөө кеңешип турушуп Мырзакулдун кичи уулу болгон Алсейитке алып беришкен. Барча бугу атагында болгон элдин көпчүлүгү мына ошол кыздан таралып, бугу уругу ошол кызды мүйүздүү байбиче деп лакап ысым беришкен. Жана бугу деген аталуу Орозбак тукумунда жок1. Бугу деген атакты дагы ошондон алышкан. Йагни караңгылык менен алиги Аламышыктын тоосунан табылып, Алсейитке катын кылып алып берген кызды кайберендин 161-бет: кызы деп ойлошкон2. Чындыгында ал кыз кайберендин кызы болмойунча адам баласынын эле кызы болууга керек[1]. Ошол кызды Алсейит алып, андан Жамангул, Бапа деген уул болуп, Бападан бапа деген эл.

Эшмукамбет Кенгирбай уулу[2] деген атактуусу болгон жана

  • Санжырачы туура жыйынтык чыгарып жатат. Анткени кийинки учурда түшүнбөстүктөн Алсейиттин тукумунан башкалар да өздөрүн «бугу» уруусу деп эсептейт. Бирок мурун чоң ата (Орозбакты) жана анын балдары (Арыкмырза, Асанмырза, Карамырза, Мырзакул, ал түгүл Алсейиттин бир тууганы Тынымейит) өздөрүнүн уруусун келининин атынан аташы мүмкүн болгон эмес.
  • Бул жерде да санжырачы өзүнүн илимий түшүнүгүн көргөзүп жатат. Чынында мүйүздүү кыздын тоо арасында кайып болуп жүрүшүн ж. б. өлгөндө сөөгү жок, боз үйдөн чыккан бир кайберендин изи гана калышын эч кандай илимий негизде түшүндүрүүгө болбойт. Бул жерден кээ бир уруулардын тайке-жээнине байланыштуу айтылып калышын эске алууга болот. Мис., З. Бабур (кара: Бабырнама. А., 1993. 41-б.) Аксак Темирдин тукумундагы Султан Ахмет мырзанын экинчи аялы тархан тукумунан болгондуктан, ал «Тархан бийке» аталып, ушул себептен ал чын аты тарыхта белгисиз калганын эскертет. Ал эми саяк урусундагы Түгөл да, анын уулу Маңгыт да чекир саяк болсо, Маңгыттын үч баласы Казыгул, Эсиркемиш, Сүйөркулдун энеси катаган уругунан болгондуктан алардын тукуму кайра «катаган» аталган.

Алсейиттин кичи катынынан Желдең деген эл болуп, бапа, желдең экөө бир жерде турушат. Барыскон, Жууку деген Ысык-Көлдүн тескей тарабында болуп, эки болуш чамасында болду.

Жамангул Алсейиттин бир уулу болуп, Жамангулдан Кыдык, Белек, Төрөкочкор, Боккөт деген уулдары болуп, 162-бет: кыдык уругу кыдык аталып, булар дагы ЫсыкКөлдүн тескей тарабы болгон Тоңдо. Төрөкочкор тукуму Кыдык менен.

Белек Жамангулдун уулу болуп, Белектин Алдайар, Алдаш, Сатке, Кожош, Элчибай, Шүкүр, Тогузбай, Токой, Токоч деген уулдары болгон. Жана Алдаштан Бирназар, Шапак, Тазабек, Меңмурат, Кудайменде, Түкүк деген балдары болуп жана Бирназардан Аалыбай, Нанжебес, Эсенаман, Байаки, Данийар, Мураталы деген болуп, Жылкыайдар, Айбаш, Куйбаш деген тондуу балдары болуп, Жылкыайдардан Тилекмат, андан Чыныбай убак 163-бет: тысында помошник болуп, Ысык-Көл айланасындагы болгон барлык бугу, сайак наамындагы бир ойоз элди бийлеп, кыламын деген ишин кылган. Чыныбайдан Жоламан, Баракан деген уулдар болгон. Жана Бирназардан Алыбай, андан Солтонкул, андан Сарыбай болуп, Сарыбай убактысында чоң бай болуп, байлыгы жеке бугу эмес, сарыбагыш уруктарынан ашкан. Байлыктын белгиси ушунчалык – атасы Солтонкулунун ашын бергенде, баш байгесине 1000 жылкы сайып ашка берген. 1914–15-жылында Орозбак тукуму он эки болуш чамасында болгон.

[1] Уламышты кайберен эмес, адамга байланыштырган логика туура.

Мис., Мухаммед Хайдарда (кара: Тарих-и Рашиди… 76-78-б.) Ак Бугу, Сары Бугу деген эмирлер эскерилет. Демек, Бугу аттуу кишилер бир кезде жашаган. Алымсейиттин 4-атасын Тагай бий деп таанысак, ал Абд-ар Рашиддин ордосунда жүрүп, ордо кызына үйлөнсө, анда анын тукуму да тектүү жерден кыз алууга укуктуу болмок.

[2] Кендирбаев Эшмуканбет (2. 2. 1938.  азыркы Бишкек шаарында өлгөн) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамл. ишмер. 1918-жылдан Компартиянын мүчөсү. 1916-ж. Түркстан БКнын тапшырмасы (№ 100-буйрук) м-н үркүндө Кытайга качып, кайра келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол жана Пишпек ш-нда ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Жер иштетүү боюнча Эл комиссары, Жети-Суу обл. аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими менен 1921-ж. Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926ж. кайра туулган жерине келген.

Тынымсейит уругу

Орозбактын уулу Мырзакул, андан улуу уулу Тынымсейит болуп, Тынымсейиттин Кабели, Шалтак, Мортук деген үч уулу болуп, Кабели тукуму беш бала атанган. Шалтактын Чабалдай, Меңдибек, Бактыгул, Кабак деген бир нече уруктары болуп, булар Нарында турушат. ЫсыкКөлдүн тескей тарабында дагы бар.

Мортук балдары

Мортуктан Токтогул, Жаманак деген эки уулу болуп, Жаманактын Кашкары, Кемпирээк, Кожойар деген балдары болуп, 165-бет: Жаманактын бир катынынан Айан деген эл болуп, үчүнчү катынынан Тотуйа деген эл. Айан уругунан Байсак, Бердимат деген кыйындары болгон. Булар Нарындан Оттук деген жеринде болуп, кыдык ичинде дагы бар. Тотуйа уругу Нарындын Эчки-Башы деген жеринде болуп, бул уруктун Жээналы деген карыйасы бар эле. Кемпирээк, Кожойар тукуму бөрү, жору деп айтылган. Булар дагы Нарындын Чуңкур-Суу деген жеринде болгон.

Кашкары Жаманактын улуу уулу болуп, Кашкарынын Ырыс, Торгой деген эки катыны болуп, Ырыс деген катынынан 166-бет: Сопу, Чалбай, Молтой, Томчүчөк? деген төрт уулу болуп, булар төрт ата Ырыс аталып, Нарындын Мин-Булак деген жеринде турушат. Атакан, Ысмайыл, Акман деген карыйалары болгон. Жана Кашкарынын

Торгой деген катынынан Сырдыбай, Сырымбет, Сарбала, Жумаш деген төрт уул болуп, Жумаш тукуму 1915-жылга 30 чамалуу болуп, булар дагы Нарындын Эчки-Башы деген жеринде эле. Сартбала тукуму Ороңкай аталып, Сартбаладан Кожомкул, андан Боку, андан Жапый, андан Тыныбек жомокчу, 167-бет: андан Актан комузчу. Сооромбай деген эки уулу болуп, Актан замандын биринчи акын тамашакөй жигиттеринен болгон. Булар ураңкай тукуму 1915-жылга 70 түтүн чамасында бар эле. Нарындын Эчки-Башы деген жеринде болгон.

Сырымбет тукуму 100гө жакын түтүн болуп, булар дагы Нарындын Миң-Булагын жердеп турушуп, Таабалды жана Алайбай деген бир болушка кадырлуу кишилери болгон.

Сырдыбайдан Байтемир, Темиржан, Текеш, Жоодан деген төрт уулу болуп, Байтемирден Боку, Токтор деген 168-бет: жана дагы бир нече уулдары болуп, Боку тукуму дагы Миң-Булакты жердеп турушат. Токтордон Ашыр, андан Арзымат, андан Ыса, андан Ырыскул болуп, булар илгертен бери Жаманак уругун бийлеп келишкен чоң болгон.

Токтогул балдары

Токтогул Мортуктун улуу уулу болуп, Токтогулдун улуу катынынан таралгандар Дөлөй атанган. Жана бир катындан Акбагыш, Дүрбөөн, Чыйбыт, Термечик деген балдары болуп, Дөрбөөн, Чыйбыт, 169-бет: Термечик балдары үч урук аталып, Чыйбыттын, Мамаке, Атасары, Айдарбек, Абылаке деген балдары болуп, Айдарбектин уулу Нанай, андан молдо Байток. Бул киши 1914-15-жылдарда 200 түтүн чамалуу үч урукту бийлеп, иштеп турган. Булар Нарындын Орто-Нура деген жерин жердеп келишкен.

Акбагыштын Үркүнчү, Норуз, Байгазак, Былжык, Мөңкө, Сырымбет деген алты уулу болуп, Норуз тукуму норуз атанып, Байгазак тукуму байгазак атанган. Булар Нарындын Ичке-Суу, Каракүб деген жеринде болуп, 1914-15-жылга Байгазак 80, Норуз тукуму 70 түтүн чамалуу бар эле. Байгазактан Эрназар, андан Ысайыл, андан Чаргын, андан Ысабек. Акбагыштын улуу уулу Үркүнчү болуп, Үркүнчүнүн Шопок, Бөжөкөй, Бердике деген үч уулу болуп, Шопок убактысында баатыр болуп, калмакка аталары түшүп кетип, Эрен-Кабырга, Эртиш деген калмактын ичине көп жыл тургандан кийин Шопок Какым көлүнүн кара кушун атып алып келип, калмактын канына тартуу кылып, калмактын канынан бир талай көп кыргызды туткунчулуктан куткарган. Шопок, (…), Асамбай болушкан. Шопоктун Чоробай деген улуу болуп, 171-бет: андан Алжан, Буйлаш деген эки уулу болуп, Алжандан Байшери, андан Досмат, андан Жамангул. Жана дагы Шопоктун Көзүайдар деген уулу болуп, булар Көзайдар уулу деп айтылат. Көзүайдар, андан Боогачы, андан Ажыбай, андан Кожо, Ыскак. Жана Таңсык деген Шопоктун бир катынынан Таңсык уулу атанып, Алсейит, Жамамбай дегени бар эле. Таңсыктан Эсенбек, Бөрү. Булар Нарындын көкүрөгү болгон Ийри-Суу, Коңурду-Бу(лак?) деген жеринде болушкан. Жана Үркүнчүнүн Бердике деген уулунан бердике деген урук болуп, булар Нарындын Орто-Нура деген жеринде эле. 1915-жылга Үркүнчүнүн Бөжөкөй деген уулунан 172-бет: Сарык, (Төжөк?? Тожук??), Калжа үч уул. Сарыктан Алыке, Байастан, Айылчы, Нусуп, Атаке, Матай, Атабек деген уулдары болуп, Алыке убактысында чоң болуп, анын уулу Табылды кыргыздын биринчи эр жигиттеринен болгон. Бирок өмүрү кыска болгон, жаш убактысында өлгөн. Табылдынын уулу Мамбетиса, андан Ырысалы, Жээналы.

Атабектен Кудайберген, Байгубат, Такырбаш, Мамыт, Жакып, Абдылда деген уулдары болуп, Кудайберген тынымсейит уругуна кадырлуу киши болгон. Кудайбергенден Газила.

Сырымбет Акбагыштын алты уулунун 173-бет: кичүүсү болуп, Сырымбет балдары Жылчымыш, Төлөмүш деген эки урукка бөлүнүп, Жылчымыш уругунан Сөлпү Курман уулу деген жакшысы болгон эле. Бул киши Микеңдин[1] убактысында 18 жыл бий болгон. Төлөмүштүн Даакы, Жабагы, Чон, Карбоз, Бактыбай, Чонду, Олжоболот, Самтыр, Кожомжар, Найман, Карасарт деген уулдары болуп, Чон өз убактысында баатыр болгон. Чондон Өзүмбай, Бердикожо, Сарыбай, Жаркымбай, Эшкожо, Шайдылда, Эшимбек, Сакөбөн, Сазан, Аттокур, Кудагелди деген уулдары болуп, Өзүмбайдын Жанай, Эраалы, Толуке, Ыбырай деген улдары болгон. Чондон барлык түтүнү балдарынан 174-бет: 1915–1916-жылында 40 түтүндөн ашкан эле.

Кожомжардан Аргын, Булан, Байаки, Мусакожо төрт уул болуп, Кожомжар өз убактысында кадырлуу киши болгон. Аргындан Шоорук, Саалы, Шааке. Буландан Чыңгыш, Байтели, Байгасы, Шамин, Сапал. Чыңгыш өз убактысында чоң болуп, 12 жыл чамалуу болуш болгон жана иниси Сапалды дагы болуш кылган. Уулу Садырды дагы болуш кылган. Өзүнүн башы жана ага-тууганы менен бай болуп жана туугандары көп болгон.

Тынымсейитин барлык түтүнү 1915–16-жыл жалаң каттагысыз 2000 ге жакын 175-бет: түтүн болуп, Токтогул, Жаманак деген эки атанын баласы эле. Мындан миң ашык түтүн. Токтогул уругу болуп, Токтогул уругунун көбү илгери убактыда калмактын чабуулуна түшүп кетип, бир нече жыл калмак ичинде тургандан кийин, туткундуктан кутулуп, кайта келишип, өз урук тууганы болгон тынымсейиттин ичине турушуп, кыргыздын бирнече уруктары калмакы деп, бул Токтогул уругун айтып жүрүшкөн. Көп жылдардан соң тынымсейиттин Чабалдай деген уругунун карыйасы Боромбай деген кишинин айтуу менен Токтогулбуз деп түп атасынын атын айтып жүрүшөт. Токтогулдан Акбагыш, Дөрбөөн, Чыбыт, Термечик, Дөлөй… барлыгы тогуз уул, бир нечөөнүн тукуму калмакта калган имиш.

 176-бет: Саяк Карачоро менен бирге ээрчип келип, Тагай бийге бала болуп туруп калган. Саяктын уулу Каба болуп, Кабанын улуу катынынан Түнгатар, Түнтөй эки уулу болгон. Каба өзү кичи ата болгону менен Тагай тукумуна кадыры орто киши болуп, бул киши жигит агасы болуп, жашы өйдөлөп калганда, элден жактырып жүрүп, бир кыз алган эле. Андан туулган баланын атын Шыкмамат койду. Бирок Каба Шыкмамат чоңойо электе өлгөн. Каба өлгөндөн кийин кичи катынын Мышый деген бир жактан ооп келген киши алган. 177-бет: Андан туулган баланын атын Чекир койгон. Киймине жана башка нерселерине жазуу жаза берүүчү болгону үчүн Чекир молдо деп ат койушкан. Бул Чекир молдодон Үчкуртка, Түгөл, Ыман деген үч уул болуп, булар Курманкожо, Кулжыгач, Чоро, Ыман уруктары аталып, Жумгал, Нарындын көчүгү йагни күн батыш жагы болгон Куртка, Терек, Тогуз-Тороо жактагы турган сайак уруктары аталган элдер. Бул бир жактан ооп келген киши өз аты Акмат болуп, кандын баласынан эле. Йагни кыпчактын канын башка жеңгенде, кыпчактын канынын баласы кыргыз ичине качып, өз атын жашырып, атым Мышый деп жүргөн.

178-бет: Кабанын Түнгатар уулу жесирге таарынып, атасы Кабадан бөлүнүп, Кетмен-Төбө, Талас тарабына барып турушкан. Булар дагы сайак ургу болуп, Садыр, Акмат, Дыйкан деген чоңдору болгон.

Түнтөй Кабанын уулу Түнгатардын иниси болуп, Түнтөйдөн Актери, Бозтери, Абат, Дуулат деген төрт уулу болуп, Актери, Абат тукумдары Нарында болуп, сайак эли жана чоро элинде Саке ажы деген аксаклы бар эле. Дуулат тукуму Анжиянда.

Бозтериден Элтынды, Досой бир тууган болуп, булар Ысык-Көлдүн күн батыш түштүк тарабында жана дагы Ысык-Көлдүн түн тарабы болгон Долоноту деген жерде. 179-бет: Бозтери тукумдары Кудайменде, Шерең, Ботугур, Каракучкач, Жаманбай уруктарына бөлүнүп, жана дагы Досой уруктарына бөлүнөт. Булар менен бирге Алагуш уруктары болуп, бул Алагуш Кабанын тондуу уулдарынан болгон. Кабадан Түнтөй, андан Бозтери, андан Элтынды, андан Асан, андан Каракучкач, андан Кожош, андан Бакы, андан Түлкү, андан Алчын, андан Дуулат, андан Нарымбай, андан Абышбай.

Элтынды уругунан Кетирекей болуп, андан Райымбек, андан Баатыркан болуп, Баатыркан өзү убактысында чоң болуп, Алакөз Каба уруктарын бийлеп, 1902-жылдарда агасы 180-бет: Байбек өлгөндө 25000 сом баш байгесине сайып, аш берген. 25000 сом ошол убактысында орто баа менен 8000 миң койдун баасы эле. Жана ашына Каракол, Пишбек ойозу, Нарын учаскесин чакырып, ашка келген элди 2000 түтүн чамалуу болгон. Алакуш, Каба түтүнүнө бөлүп алып кондурган.

Баатыркандын чоң атасы Кетирекейдин бир нече катынынан 30 га жакын уулу болгон.

[1] Николай II айтып жатат.

Шыкмамат балдары

Шыкмамат Кабанын кийинки жактырып 181-бет: жүрүп алган катынын баласы болуп, Шыкмаматтын Кудаш, Култай деген эки уулу болуп, Култайдын Бакты, Ороз, Бөөбүй деген уулдары болгон. Бакты өз уругу Чоң-Саройдо болуп, Бөөбүй уругу ар кайсы жерде таралып жүрөт. Кудаш бийден Куртка мерген, Бектемиш, Чороке деген уулдары болуп жана Анжай, Ынжай деген тондуу уулдары болгон. Йагни насили калмак болгон эле.

Ынжай өзү калмак болгону менен малсар киши болуп, Кудаш бийге ишеничтүү киши болгон. Бир күнү Кудаш бий жолоочулап барып, кайта келсе, Ынжайдын бөлөк айылы болуп конгонун көрүп, Кудаш бий эмине үчүн бөлөк кондуң деген. 182-бет: Ынжайдын тилин айылдагылар албай койгонунан мал-жайына карап, бөлөк конду деп айтышкан. Ынжайдын бөлөк конуу себептүү Бөлөкбай атанып кеткен. Бөлөкбайдын Калматай, Токтогул, Белек деген балдары болуп, Калматай балдары, Калматай аталып отурбай, Молтой деген кадырлуу кишилеринен болгон. Токтогулдан Чиркей, Олжобай, Чоңчарык деген уулдары болуп, үч урукка бөлүнгөн. Белек тукуму Алдайар атанган.  Анжайдан Кожойар, Кулжа эки уул болуп, Кожойардан Асказан, Эсембай, Эсентүңүл, Ырыстай деген төрт уулу болуп, төрт ата Кожойар аталат. Кулжа менен бешөө.

183-бет: Бул уруктар Ысык-Көлдүн түндүк тарабы болгон Күңгөй-Аксуу, Байсоорунда турушат. Садыр аке деген чоңу болгон.

Кудаш бийдин Чороке деген уулунан чороке деп аталып, бул уруктан Талкамбай деген кадрылуу кишиси болуп өттү. Бектемиштен Шайбек, андан Кожош, Кудайар, андан Жайыл, Назар, Кудайменде, Чулум деген төрт уулу болгон. Жайылдан Касы, андан Ырысменде, андан Каңгелди, Байгелди, Төлөгөн деген балдары болуп, Каңгелди убактысында кадырлуу бай киши болуп, 184-бет: Мекелей[1] убактысында 21 жыл чамалуу болуш болгон. Каңгелдиден Осмонкан, Мамыт. Кудайардын Назар деген уулунан Назар уулу. Кудайменде деген уулунан Кудайменде уулу. Чулум деген Чулум уулу болуп, Чулумдан Жоруп, андан Нурдөөлөт. Бул киши убактысында баатыр киши болуп, андан Чолпомбай.

Нурдөөлөт Ормон кандын убактысында болуп, бул киши баатыр киши болуп, бугу уруусу белек тукумунан болгон Балбай баатырлар болуп, бирге жүрүшкөн. 185-бет: Нурдөлөөт кийин орус чыкканда бир нече жыл болуш болуп, өкмөт кызматын дагы кылып турган. Уулу Чолпомбай дагы болуш болуп жүргөн. Жана Шайбектин бир уулу Кожош болуп, булар Кожош андан ошол жогорудагы айтылган Бектемиш тукуму Бакачы атанган.

Куртка мерген балдары

Куртка мергенден Дуулат, Акылбек, Торпок, Кабатай, Төлөк деген уулу болуп, Кабатай, Төлөк тукуму аңылдак атанган. Бул уруктар Солто деген киши нечен жыл бий болуп, Куртка мерген, Бакачы уруктарын бийлеп, чечендик менен эки дубанга кадырлуу болгон. Анын уулу Максүт болуш болуп, Куртка мерген уругун Бакачыдан бөлүп алып, 550 түтүндү мал башын бийлеп турган жана Каракол ойозуна жакын болуп алып, Каракол, Нарын учаскесине караштуу болгон нечен болуш элдерге ойоз менен бир жүрүп, шайлоо кылып, өзүнө жакын болгондордон болуш кылган, 1915-жылдарда.

Куртка мергендин Акылбек деген уулунун тукуму Акылбек атанып, бул уруктан Мажакып деген жакшысы болуп жана Касым Тыныстан уулу адабият бөлүмүнө баштык болгон. Куртка мергендин Торпок деген уулунан 187-бет: торпок уругу болду. Бул урук азыраак түтүн болуп, Турдалы, Масыл деген карыйалары бар эле.

Куртка мергендин Дуулат деген уулунан Бокотой, Барак деген уулу болгон. Барактан Байсейит, Тогол, Чекебай үч уул. Чекебай тукуму аз түтүн. Тогол тукумунан Миңжылкы балдарынан Жусуп Болотов жана Абдыракман Болотов деген жигиттер[2] замандын билимдүү жигиттеринен болуп саналат.

Байсейиттен Жээнбай, Борук эки уул болуп, Жээнбайдан Адый, Кеңеш эки уул. Адыйдан Багышбек, андан Сарыбай, андан Байымкул, 188-бет: андан Айдыралы. Боруктан Каракөчөк, Таберик. Табериктен Шадыкан, андан Табалды, андан Каткелди, Ырыскелди, Дөөлөт.

Барак тукуму 100 түтүн чамасында болуп, бул уруктарды илгертен Сарыбай жана анын уулу Райымкул бийлеп келген. Бул барча сайак атанган эл Карачоронун жанына ээрчип келген баладан таралган. Карачоронун атасы Тагай бий бул бала кайсы деп сураганда, бул селсайак жүргөн бала биз менен бирге келди деп, Карачор жооп берген.

Ошол себептүү Сайак аталып кеткен. Бул уруктар көп болуп, бул уруктардын манаптарынан 189-бет: дагы Микелей убактысында чоң манаптар чыккан.

[1] Же Николай II.

[2] Башкача айтканда Жусуп Абдыракманов. Официалдуу документтерде Юсуп Абдрахманов.

Чертики балдары

Чертики деген сөз кишинин аты болмойунча канга айыптуу болуп, Четтик деген шаардан бир киши келип, тамеки жана майда бакал сатып жүрүп, кыргыз ичине туруп, Тагай бийге караштуу болуп туруп калган. Четтик деген шаардан келгени үчүн Чертики аталган. Өз аты Жолборсбек болуп, андан Кулжыгач, андан Кедей, Додой. Кедей тукуму Анжиянда туруп калган. Додойдон Жоочалыш, андан Жармамат, 190-бет: Саркалпак, Сазай. Жармаматтан Карагуш, Мөңгөтөй, Кенжегозу. Карагуштан Жамболот, Көлбай. Жамболоттон Түлкү, андан Боккөтөн, андан Чот, андан Тагылык, Байжигит, Омот, Молжигит. Байжигиттен Ногой. Бул уруктардын түп атасы кыргыз ичине келип кыргыздан кыз алып, Тагай бийге бала болуп туруп калганы үчүн Тагайдын тондуу балдарынан болуп эсептелинет.

Фазли солто уруктары тууралуу

Тагай бийдин улуу уулу Богорстон болгон, андан Эштек, андан Солто. Солтонун Күнтуу, Култуу, Чаа деген үч уулу болуп, Күнтуудан Токбай, Карамерген, Төрө, Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоңмурун деген жети уулу болуп, жетиси тең жети урукка таралып кетишкен. Күнтуу эли деген Пишбектин күн батыш тарабында турушат. Бул уруктан Сарымсак, Сагымбай деген кадырлуу кишилеринен болгон.

Култуу балдары

Култуу балдары Чылпак аталып кеткен.

192-бет: Култудан Адине, Мендеке. Адинеден Атакүчүк, Элчибек. Атакүчүктөн Абышка, Чал. Абышкадан Кашкары, андан Сейтек. Андан Сүйүмбай. Чалдан Байке, Тилеш. Бул уруктарды Айуукор деп аталган. Себеби кыргыз Абулай кандан качып үркүп, барып Кетмен-Төбө жана

Анжийан багыты болгон Кокон-Кышлак тараптарын 11 жыл чамалуу жердеп туруп калышкан. Көбүнчө кыргыз уруктары ичинде солто, сарыбагыш уруктарынан мына ушул убактыда Чал Меркинин күн батар тарабында, бир тоодо калып калган. Мындан кийин Абулай кандын йагни чоңойо баштап, сарт кандары жана Абулай кан Чүйдө турган. Моңгол тукуму болгон калмактарды жана 193бет: анын каны болуп Меркини жердеп турган коңтажы жоолап, Чүйдөн чыгара баштаганда, Чүй ээн болуп калат. Мына ошол убактыда көгөй уругунан койкоң Назар деген киши келип, Чүйдү чалып көрсө, Чүй ээн болуп калганын көрөт. Жана бир тоодон түтүн чыкканынан барышса, Чал эки кыз баласы менен олтурганын көрөт. Чалдын кыздары койкоң Назардан коркуп качып бергенде, чал балам тим бол деп айткан. Мына ошол себептүү ошол жерди тимбол деп ат койушуп калган. Койкоң Назар чалдын жаткан үңкүрүнөн айуунун талпактарын көргөн. Чалды эки кызы менен ээрчитип барып, туугандарына кошкон. Койкоң Назар чалдын жаткан үңкүрүнөн көргөн аюнун 194-бет: талпактарын элге айтып барып, ошол себептүү чалды айуунун этин жеди деп ойлошуп, айукор деп айтышкан.

Чаа уругу

Чаа солтонун уулу болуп, Чаадан Каракчы, Талкан, Тата деген үч уулу болуп, 80 ге чамалап баргандагы баласы болгондуктан, Тата деп ат койулган. Татанын Айтеке, Абыл, Аңкылдак, Кенжебай, Кулубай, Токобай, Соно деген уулдары болуп, бул уруктар Тата аталды. Бул уруктар дагы солтонун ичинде турушат.

Бөлөкбай балдары

Чаанын бир уулу Каракчы болуп, андан Байсейит, 195бет: Кутуш эки уул. Бул Каракчы уругу Бөлөкбай тармагы бөлөк конгондон болгон. Байсейиттен Эсиркемиш, Боку, Кутумбет, Ногой, Чулу, Жалайыр, Чүнкөлөй, Айдарбек, Шайык деген тогуз уулу болуп, Эсиркемиштен Кебек, Мурат, Олжочу, Жылкычы деген уулдары болуп, булар

Эсиркемиш аталды. Мураттан Бекбото, Нарке. Бекботодон Бердиш, андан Тайлак, андан Айдабосун, андан Абылмейис, Өмүралы, Жамангул үч уул.

Чулу казактан өлүп, Чүй суусунун бойуна Пишбектен Алматыга бара турган кара жолдун бойуна койулган. Чүй суусуна салынган көпүрөсү деп айтылат.

196-бет: Үкүдөн Жабагы, Тоймат, Эдилбай, Ту…, Кубат, Бузалдай алты уулу болуп, булар Үкү деп аталган. Жабагыдан Бекетай, Чоко. Тойматтан Балта, Эшкожо, Абай, Букар, Чүйнүм, Карабай, Кодоң, Чынкожо. Кутумбеттен Карга, Тобо, Мырза, Басыл төрт уулу болуп, Мырзадан Токучу, Адучу. Адучудан Корчу ажы, андан Сулайман болуп, бул киши кадырлуу киши болгон.

Бүтөш балдары

Бүтөштөн Жакып, Жетикашка эки уул болуп, Жетикашкадан Төлөн, Тубар…., бул уруктар Жетикашка аталып, Пишбекке …..

Акыркы 2 барактын беттери коюлган эмес, бирок ушул теманын уландысы жана фрагменттери!

….Тоной, Кенжекара, Шорук, Балбак, Тайлак, Торуке, Турдубай он бир уулу болгон. Жангарач убактысында бүткүл солтону сурап өткөн. Сурап өткөндүгү ушундан маалым болот, бир түндө кермесине кырк байтал байланган. Жангарачтан Токтоной, Касым, Кулжан, Чолпонбай, Черикчи, Төлө, Курман, Акылбек, Ашыр, Дыйкамбай деген он уулу болуп, Токтонойдон Соромбай, Күмүш. Касымдан Аманкелди. Кулжандан Жантай. Ашырдан Үмөталы. Дыйкамбайдан Алымбек.

Канай балдары

Канай Түлөбердинин уулу болуп…

…Жайыл аталды. Жана Талкандын бир уулу болуп, ….кы болуп андан Ашымбек, андан Дөөтбай, …ыбай, Ыстамбек үч уул болуп, Дөөтбайдан

Араб тамгасынан которгон Асанов Т. И. Басууга даярдап, комментариялаган Турганбаев Э.

МУРАС

ӨГҮЗ КАГАН

1

Аал ошо менен ошо болду.

Дагы андан соң кубанычка тунду,

Ай каган көз жарды да болду уулдуу, Баланын өң-чырайы көк чаар еди. Эрини алоо, көзү өрттөй, Чачы, кашы кара еди.

Тектүүдөн теңдеши жок көрктүү, Ошол уул бир оозанып энесинин ак уузун, Мундан артык эмбеди.

2

Тилге келди. Чийки эт, аш сүзмө тиледи, Кырк күн өттү, ойноп кетти.

Бука сандуу, бөрү белдүү, Булгун жоорун, аюу көөдөн, Бүт баданы түк еди.

Күтүрөтүп жылкы күтүп, Күлүк тандап минер болду,

Кийик уулап жүрөөр болду.

Күн өттү. Ай, жыл тозду. Жигит толду.

3

Ал заманда аерде,

Бир калың чер бар эле,

Күркүрөгөн дайра өзөнгө шай эле. Жерде сызган туяктуу көп, Көктө учкан канаттуу көп жай эле. Ошол ормон ичинде үлкөн кыйат бар эле, Жан бүткөндү, мал бүткөндү жээр эле.

Үрөй учурган бир ушундай аң эле айбаты зор айбарлуу,

Өгүз каган ченебес эр бу кыйатты ууламакка   ой кылды.

4

Калкан илип карыга, саадак асып далыга,

Колго найза, жалаң кылыч жаныга алып, Кетти аттанып. Бир бугу алды, Тал чыбыктап даракка таңды.

Келди эртеси таңдык салган чагында, Көрдү ошондо: ал кыйат алып турур бугуну. Жана бир аюу алды, алтын белбагы менен       даракка чалды.

Таң куланөөгү келгени, дагы да көзү көргөнү: Ал кыйат эми алып турур аюуну.

5

Ошондо өгүз түпкө тартты. Түйүлүп бирде заардүу Кыйат челет, жалын бүркүп кайсалайт!

Бирде өгүз жаалдуу бырча-бырча найзалайт!

Кылыч менен шылый чаап башын кести, байланды. Бир караса бир шумкар кардын жарып кыйаттын Ичегисин жеп туру. Жаасын бетке кармай берди.

Шумкар өлдү. Кести башын. Айтты анан:

– Бугу алдың, аюу алдың, Анан кайдан жай алдыга,

6

Темир найза жеп тындың.

Жейм деди шумкар кыйатты,

Жебенин тили мерт кылды,– деди да кайтып кетти. Кыйат жайы ушундай.

Жана бир күн бар жерде,

Көк Теңирге сыйынууда эле.

Күүгүм уюду. Көк Теңирден көгүлжүм нур куюлду.

Күндөн жарык, Айдан наарлуу.

Өгүз Каган жүрүп берди. Көрдү анан

7

Ал жарыктын арасынан бир кызды,

Жандан жалгыз. Көркү арбаган

Нурдай сулуу жан эле,

Маңдайында шоолаланган жарык меңи бар эле – Алтын казык дегидей!

Көз талыткан көркү ушунча – Күлсө Көк Теңири кошо күлөөр, Ыйласа Көк Теңирде түн түнөрөөр! Бир көрүп ашык болду.

8

Алды аны, бирге жатты, балын татты, Бүттү бойго. Күндөн күн өтүп, айы жетип Ал бийке көз жарды да балкайган үч уул тапты.

Абалкысына Күн ат койду, Андан соңу Ай ат болду,

Акыркысына Жылдыз ат конду.

Жана бир күн Өгүз каган ууга чыкты.

Көөлгүп көл жатат дейт. Көлдүн уюлунан,

Көрүнөт бир дарак дейт, ал дарак Көңдөйүнөн

9

Бөлүнөт бир сулуу дейт.

Көздөрү көктөй тунук мелтиреген, Чачтары дарыядай шаркыраган, Тиштери тизген бермет!

Чырайын бир көргөн жаш чыдай албай

Кымыздай шар ачыган, Кыжылдап дил кусасы боюна тээп, «Жанымды ал!» деп жалбаргыдай.

Өгүз каган

Өрт түшүп өзөгүнө өзөлөнүп сүйүп калды.

10

Алды аны, бирге жатты, балын татты,

Бүттү бойго. Күндөн күн өтүп, айы жетип

Ал бийке да көз жарды да балкайган үч уул тапты.

Абалкысына Көк деп ат койду, Андан соңу Таг аттуу болду, Акыркысына Деңиз ат конду.

Уулдарынын урматына улуу той берди,

Жамаагатка жар салдырып,

Мыктуулдарын кеңешке алды, Кырк ширге ийлеп.

11

Кырк челек чаптырды дейт.

Аш-тамагын жайнатып,

Кымыз шарабын кайнатып, кыжылдаган анча элди Жалаң казы-карта чайнатып жаткырды дейт. Той соңу Өгүз каган эли бегин кашына алып, Мамындай жарлык айттырды дейт: – Теңир буйруп болдум Каганың, будан ары* Жаа, калкан болсун куралың!

Тамга болсун буланың!

Көк бөрү болсун урааның!

12

Айза учтуу жышың коргонуң болсун!

Куушуп кумда куланың ойносун!

Өзөнүң ташсын нугунан, соолбосун! Күн алдында Көк курукан Бар болсун!!! –

деди да Өгүз каган,

Жамаагатка жарчы атказды,

Жарлык берип соңунан элчи артынан элчи атказды:

– Мен Уйгурдун каганымын. Төгөрөктүн төрт булуңунун да Каганы болсом керектир,

Силерден баш урууну тилеп турам, тилиме көнсөң керектир.

13

Тилиме көнсөң эгерде, Тартуу тартып дос тутам.

Тилиме көнбөй эгерде,

Тиер болсоң, жиниме,

Черик жыйып кас тутам,

Такыр басып тоздуруп,

Тукумуңду курут кылам! – деп айттырды, Ошол чакта он жагында Алтын каган бар эле.

14

Ал кагандан элчи келди, апар дүйнө, кызыл зер,

Кымбат асыл таш алып,

Эрдааналары эңилип сыяпатын түзөштү. Шер Каганды таанышты!

Бектер башын бек кушлады, дил кошту. Шол заманда сол жагында Урум Каган зор еди.

Жер союлган сансыз колу, Баяналуу балг – калаасы мол еди.

15

Ошол Урум Өгүз сөзүн кенебеди, Жар буйругун бучкагына теңебеди.

– Мунун дегенин кылаар алым жок,

Жарлыгына табым жок, жолун билсин,– деп айтты.

Өгүз каган каарланып: – Кол жыйылсын – деп айтты.

Асаба туулар кылкыддап, Агылды жоого кыяндай. Кырк күнү тынбай жүргөн соң, Көк жалтаң Муз тоо бет келди.

16

Көк челген учу тумандайт…

Кош түшүрдү. Түн менен түн болуп уюп жатты.

Таң буурулу кан чатырга күндөй бир жарык акты, Ал жарыктан бир силкинип көк жал бөрү чыкты, Адам тилин өрүп чыкты:

– Ай каганым, каганым!

Беттеп Урум бараарың, Бек урушку салаарың, Бак дөөлөттү табаарың.

17

Жол берсе Теңир жортоюн, Жолуңдун ачып оңтоюн.

Аны укканда Өгүз каган козгоп түгөл кошуунун, Салды өзүнө муз ашуунун.

Көрдү ошондо: көзгө илешпей көч башында көк бөрү Желип-жортуп барат дейт.

Жетегинде кылк-кылк черик, Жел барадай канча дабан, Желп-желп артта калат дейт.

18

Чыканактап – тыным албай,

Чырм этип уйку канбай, канча күн жол баскан соң Көк жал бөрү көк карап эс алганга окшоду, Өгүз да черик тартып тык токтоду.

Ошол ченде Эдил аттуу улуу суу ага турган, Эдилдин этегинде, Кара тоо таманында жоого каршы чапты дейт. Ок жаңылып тарсылдап,

Найза үзүлүп карсылдап,

Кылыч сынып жаркылдап, канча жан опаат тапты дейт.

19

Калк башына түн түшүп,

Кандын жыты булоолоп,

Күкүктөп Эдил орду,

Күрүлдөп кара кочкул кан акты дейт. Акыры Өгүз каган басты дейт, Урум каган качты дейт.

Туусун жыгып, калкын жыйып,

Кагандыгын өзүнө кыйып,

Өгүз каган оожалып олжо мүлккө батты дейт.

20

Ошол Урум Кагандын жатындашы бар экен, Урус бек деген жан экен.

Урус уулун тоо башына

Терең дайра башатына

Теңиз көркөм Беркбалыкка аткарып

Айткан дешет:– Калааны сактап тураарсың,

Кагылышкан жоо болсо

Катыгын берип кубарсың.

Үгүз каган шол калаага кетти аттанып.

21

Урустун уулу урматтап,

Агар алтын, ак күмүш алдына чачып тосту дейт:

– Ай Каганым, каганым!

Атамдан калган калаа бу.

Калааны сактап тур деген,

Кагылышкан жоонун

Катыгын берип куу деген.

Атамдын алы келбеген,

Мен арстанга кантип батынам

22

Айт жарлыгың, баш урам…

Биздин кутубуз сенин кутуң болсун, Үзүңдөн өнүп уруктайлы, Үзүң буюрган жайды туруктайлы.

Башымды калтыр, жанымды ал, Алман төлөп достук салтын куп тутайлы,– деп айтты. Ошондо Кагандын каары жанып Ал жигиттин айтканын жактырды дейт, Каалгадай тишин кашкайтып каткырды дейт:

23

  • Мага карк алтын тарттың карк таптың,

Калааны сактап барк таптың,

Кашыңа калкың кут болсун,

Башыңа Саклаб ат консун,– деди да,

Үгүз Каган черүүдөй черик баштап тартты кайра.

Жол бөгөп күр-шарр түшөт бейжай дайра.

  • Эдилдин айласын неттик? – дейт каган коңгурап.Черикте бир мыкты бек бар эле, Узун элдин учуна аты даң эле.

24

Ысымын Улуг Ордо бек дешээр,

Суу бойлоп кырка тал, дарак өсөөр.

Ал беги акыл калчады дагы,

Шакшак11 тал кесип сал жасады, Аман кечти антип аскери саны.

Ошондо көңүлү толуп каткырды каган:

  • Кысылган элге баш болгул, бегим, Кыпчаак ат сага ат болгул, бегим,– деди да кетти жүрүп.

25

Жолунда бая көк жал бөрү турду, Кайрылып каганга айтат муну:

  • Эреним, элиң жыйна,

Эгерим карап турба, Эге бол төгөрөккө,

Эгең жар төбө көктө!

Жортоюн жолуң ачып…

Козголуп кошуун салат бөкөн жүрүш, Кош баштап барат бөрү ала качып,

26

Кагандын мингени чаар кызыл айгыр эле, Каргыса соңуна чор зыргып кайгыыр эле.

Жоголду жол үстүндө ошо аргымак.

Жан жагы жалкындай тоо

Үркөчүндө муз уюган,

Туу кырын туман уурдап шамал ырдап

Турган тоо – Муз таг еди, Аргымак ал тарапты туштап еди.

Үкүнүч өрттөдү кагандын өзөгүн…

27

Черигинде кажарлуу бир бек бар еди, Жорукка чыкса жолу ачык, Оорукта калса колу ачык.

Ошол бек жок издеп изин чалган экен,

Жоголуп тогуз күнү барган экен,

Онунчу таңы олжолуу келиптир,

Элиртип аргымакты коштоп алып, Кашы, муруту шагырап шакшак тоңуп, Шамыйанга окшоп алып.

28

Каган каткырык атып күлдү дейт,

Эрдааналары дүркүрөп жардап турду дейт. Берди дейт Каган бектерге жарлык:

– Бу шерди кылгыл өзүңө башлык,

Ысымы болсун Карлык, – дейт дагы тизгин чоёт. Жол бойлоп келет, Жол бою жомоктогудай капка  үй көрөт.

Керегеси чылк алтын, түндүгү түгөл күмүш,

Каалгасы как темир, ачкычы жок бек темир, Черикте ченебеген чебер бар еди,

29

Аты Темирди Кагул еди.

Каган жарлык кылды: – Мунда кал, ач. Капкага кирээрсиң, кайтып соңума жүрөөрсүң, Ал андан ага ат калды Калач.

Кол баштайт Каган кайра, санаа теңиз, Жол баштайт Көк жал салып бөрү желиш.

Бир күнү тык токтоду. Каган да кошун жайлайт,

Келберсип кең жазыгы

Кербез калк жатыр экен – Жүржүт аты.

30

Дөөлөткө мас эли териге батпай,

Ай туяк, ача мүйүзү ыңкып жерине батпай,

Алтын-күмүшү агылып төрүнө батпай, Жаткан экен чалкып Жүржүт Каган, Сап тартып салгылашты.

Төшкө найза куркурап, төбөдө ок чыркырап…

Акыры Өгүз басты, Жүржүт качты.

Канынын башын кесип байланды Үгүз, Калкын түгөл каратып жайланды Үгүз.

31

Сапырып сан дүйнөсүн олжого алды, жолго салды. Караса шаа жеткис өлүк дүйнө.

Санаса сан миң түлүк тирик дүйнө,

Ат, качыр, өгүз түтпөйт жүктөгөнгө…

Черикте жана бир уз чебер бар еди, Бармаклуг Жосун Биллиг аты.

Канык эр кыял кылды, канга чапты, Канга үстүнө катарлап мүлкүн жыйып, Канга алдына түлүк чекти, жүрүп кетти.

32

Көргөн эл айран азар,

Соңунан шашкан экен, Кангалар чапкан экен.

Катарлап канга барат,

«Каңгалап» дабыш калат, Ан үчүн канга ат алат.

Аал, каган көрөт да каткырык салат:

Каңга, каңга, каңгалап өлүгүн тирик жүргүзүүр,

Каңгалуг сага ат болсун, канга экенин билгизүүр,

33

Көк теңири колдоп,

Көк жал бөрүсү жолдоп,

Чынды алды, Таң Кутту алды, Андан ооп Шамга аттанды, Шамын өчүрүп бек шаттанды.

Журту өстү шонтип. Шол чакта,

Күнтүш бурчта,

Барака деген бир жер калган еди, Түтөгөн бардар эл калган еди.

34

Күнү жерге түшкөн,

Күтүрөп кийиги үрккөн, Канаттуу кушу көгүнө көшөгө, Казына мүлкү жолуна босого.

Агыл-төгүл бир журт еди чырайы ынды кара, Масар эле каган аты.

Ошол жакка бурду Өгүз Каган атын, Кыл чайнап кырчылдашты. Масар качты.

Достору сыйга тунуп, душманы азар тапты.

35

О дүнүйө! Сан жеткис сан мүлүккө!

Көз тойбос көй күлүккө!

Олжолоп ошончону Өгүз каган кайтты үйүнө. Калдайып журтуна түштү.

Эми, эпаадам калбасын унут,

Кагандын кеңешчиси бар эди ысмы улуу Түрүк

Жайкалган ак сакалы, буурул кары,

Кылымды билген кыраа эле,   Сүйлөгөн кеби мураа эле,

36

Түндөрдүн бир түнүндө түш көрүптүр, Түшүндө мындай кызык иш көрүптүр: Күн тууштан күн жүрүшкө, Керилет алтын жаа дейт. Түн жагын түптүз мелжеп, Тебилет күмүш ок дейт.

Ойгонуп уйкусунан, толгонуп тынчы кетип, Таңында Каганына таазим этип, Түшүн аян кылат, баян курат:

37

  • Ай Каганым, өмүрүң болсунгул узун!

Төрөлүк болсунгул түзүн!

Теңирим түштө көргөнүм өңгө келдирсүн. Тең дүйнө жериң уругуңа бердирсүн! Каган кары үгүтүн куш көрдү дейт,

  • Түшүң түш эмес, туш келгил; – дейт.

Анан кашына жыйып бар уулун, айткан экен:

  • Көңүлүм күсөйт салбуурун,

Бирак ой жеткенге кол жетпей мында турум.

38

Эми Күн, Ай, Жылдыз үч уулум, Таң атаар жакка силер бар.

Көк, Таг, Деңиз алты уулум,

Түн түнөөр жакка силер бар.

Салбуурун мыктап салыңар да санаада дартты табыңар,

Үч улуусу таң атаарга барышты, Үч кичүүсү түн түнөкке чабышты.

Күн, Ай, Жылдыз уу сапарын карытты, Кайткан жолдо бир алтын жаа табышты.

39

Каганга тартуулашты,

Карт Каган карс-карс күлөт, жааны иет.

Карс сындырып үчкө бөлөт: – Жаага эми силер эге, Жаа атаар көккө жебе…

Жана бир күн Көк, Таг, Деңиз уудан кайтты, Жолунан бирдей күмүш үч ок тапты.

Каганга тартуулашты,

Карт Каган карс-карс күлөт,

40

Жебени үчөөнө үлөштүрөт да, айтат:

– Үч жебе үчөөңө энчи.

Жаа атса ок көккө төнчү…

Ошондон соң Өгүз Каган көңүлү тынып, элин жыйып,

Улуу Курултай чакырды дейт,

Таңдайлашкан билги, чечендерин,

Маңдайлашкан баатыр, кашка эчендерин Кашына алып, Каган наркы менен Калкайып Ордосунда отурду дейт.

41

Оң жагында он эки канат ак өргөө, Түндүгүндө алтын шумкар, Оң иргеде он эки айры бугу.

Сол жагында он эки канат ак өргөө, Түндүгүндө күмүш лаачын, Сол иргеде мүйүзү карыш кулжа. Оң жагына бузуктар олтурушту,

Сол жагына үч октор олтурушту,

Каркыттап кырк күнү той курушту.

42

Анан Каган үлүштөп журтун бөлүп уулдарына,

Айтыптыр: – Канчама ашуу аштым,

Канча жоо менен салгылаштым, Аргымак минип алкынттым, Айза сайдым жоо жыктым.

Касым кан жутту,

Досум шаң күттү. Баары бүттү.

Эми өтөөр чагым Көк Теңриме. Ыкыбал,

Кайыр кош!.. КАЛЫҢ ЖУРТУҢ КҮТҮП АЛ…

 

Текстке коштолуучу зарыл түшүнүктөр:

  1. Түп нускада: – сүрмө тиледи. В. Радлов сүрмөнү – вытягивание, угонение вина деп которот, А. М. Щербак – вино деп которот да, бирок сөздүн этимологиясы белгисиз деген жыйынтыкка келет. К. Өмүралиев жогорку пикирлерди улай «шарап» деп которот. Ырасы кайсы даам тууралуу сөз жүрүп жатканы күдүк. «Сүр» уңгусуна караганда сүрүп, сүзүп жасалган даам. Сүзмө, бозо, сүр эт же шербет дешке да болот.
  2. Кыйат – мүйүз тумшуктуу миф жырткычы.
  3. Түп нускада: – Өгүз Каган бир ериз кагаз киши ерди. А. М. Щербак: Мужественным правителем был Огуз Каган,– деп которот. К. Өмүралиев «Эриз» сөзүн которуусуз калтырып, «кагаз» сөзүн «кайраттуу», «атактуу», «эр көкүрөк» деп маанисин контекстке ылайык туура берет. Биздин баамыбызда «кагаз» сөзүнүн төркүнү ушул эле тексттеги «көгүз» (көкүрөк, көөдөн) сөзү менен байланыштуу. Эриз кагаз – «эр көкүрөк» болуп которулушу мүмкүн.
  4. Түп нускада: – Кырк шире, кырк бендең чапт ырды.

А. М. Щербак: – Сорок столов, сорок скамей заставил вырубить, – деп которот. К. Өмүралиев: – Кырк орундук, кырк стол чаптырды,– деп берет. Кезинде «ширени» монголдун «сире» (бизче «сере», «секичек»– Ч. Ө.) деген сөзү менен окшоштуруп «престол», «стол» маанисинде окуган, ал эми «бендеңди» кытайдын «баньдоска», «дэнтабуретка» сөздөрүнүн курамында көргөн В. В. Радловдун жаңылыштыгы өзүнөн соңкуларды адаштырган. Чыны «шире» азыркы кыргыз тилиндеги «шири», «ширге» сөзүнүн эле өзү. Ал «бендең,» болсо мааниси күңгүрт калган көөнө түрк сөзү болушу мүмкүн. Идиш маанисин дедир.

  1. Түп нускада: – Тамга бизге болсун буйан. А. М. Щербак: Тамгою пусть будет нам благодать. К. Өмүралиев: «Изгилик» деп берет. Изилдөөчүлөр «буйан» сөзүнүн тегин санскриттеги «рипиа» сөзүнөн көрүшөт. Бул тек болжолдуу которуу. Ураан, тамга, куш, дарак энчилөө өтө байыркы көрүнүш. Ал эми санскриттен кай бир сөздөр көбүнесе будда маданияты аркылуу  кийинчерээк кирген. Андыктан тамганын аты өтө көөнө доордо, элдин өзүнүн гана кыртышынан өнүп чыккан болуу керек деп болжойбуз. Биз «булан» деп эркин котордук. Булан – кайберен. Конкреттүү кай түрү экени белгисиз. Ким билет байыркы бабалар жапайы сыңар туяктууларды жалпы «кулан» атап, ача туяк кайберен затын «булан» аташкандыр. Эпадам ушу ой ырас болсо текстте Алтай түркү «Колдоочу кайберен» (өнгөн, б. а. өсүп-өнгөн деген сөздөн чыккан) тутунган багыш же бугу тууралуу сөз жүрүп жатат деп болжоого  болот.
  2. Курукан. – А. М. Щербак: Байыркы түрк эстеликтеринде «Курукан» сөзү кездешпейт. Сыйкы, кийинчерээк монгол тилинен оошкон «кур – строить» сөзүнөн жасалса керек,– деп болжойт. К. Өмүралиев – «чатыр, көк чатыры» деп берет. Биздин баамыбызда жеке монгол сөзү деш бир жактуу. Эки элге тел, байыркы жалпылыкта жаралган сөз. Уңгусу – кур. Курган, курулган, коргон сөздөрүнүн негизинде жатат. Контекстке ылайык ар жерде «кан чатыры», «кош» «ордо» сыяктуу жакын маанилеш сөздөрдү пайдаландык.
  3. Түп нускада: – тагурак басып, астурыб…А. М. Щербак: – быстро, мгновенно.

К. Өмүралиев: – үдере басып, асып-састырып деп берет. Биздин баамыбызда «ылдам, бат, ашып-шаштырып» деген мааниге эмес, азыркы кыргыз тилиндеги «тыкыр, тыптыйпыл, такыр басып аздырып» сыяктуу маанилерге дал келет.

  1. Түп нускада: – Көб телим эрденилер йебериб йумшаб…

А. М. Щербак «эрдени» сөзүн санскриттен кирген «ратра» – монгол тилиндеги «драгоценность» сөзү менен которуп берет. К. Өмүралиев да ушул эле мааниде «эсепсиз асыл дүнүйө» деп которот. Биз муну жокко чыгарбайбыз жана тексттин башка бир жеринде ушул котормону пайдаландык. Ал эми бул жерде өз тилибиздеги «эр даана», б. а. мыкты, жараган эр маанисинде окууну эп көрдүк. Көөнө уйгур алфавитинде, а, э дабыштарынын сөз ортосунда окшош тамгаланышы мындай окулушту четке какпайт деп ойлойбуз.

  1. Түп нускада: – Огуз Каганга сойуркаб берди.

Мааниси контекстке  ылайык А. М. Щербак жана К. Өмүралиев тарабынан «сыйлады», «тартуу этти» деп туура табылса да окулушунда ката бар деп ойлойбуз. «Сыйуркады, сыйыркады» (б. а. сыйлап берди) болуп окулушу кажет.

  1. Балг, балык – калаа, шаар. Түрк, монгол жалпылыгындагы көөнө сөз. Оркун, Энесайдагы таш жазуулардан да кездешет. Парсы тилинен «шаар» сөзү киргенге дейин эң кеңири колдонулган. Кара Балгсагун (Кара-Корумдун бир аты), Баласагун (Балг, сагун), Гөбалык (Кашкардын эски аты), Балх, Балхаш, Бешбалык аталыштарынын боюнда жатат.
  2. Шакшак – кыпчак, кыпшак сөздөрүнүн түпкү жасалыш теги бир. Кыгачы, кыпчуур, кыпчаак, шакшак болуп улана берет. Кыпчак тайпасынын аты ушул сымал сөздөрдөн чыкканын Абылгазы санжырачы да жазат. Ал эми анын белги-тамгасы болгон жарыш сызык тамганы Олжас Сулейменовдун «Эки бычак» деп окушу, ошого жараша «Кыпчак» этнонимин «Эки бычак» сөзүнөн чыгарышы чындыкка сыйбайт. Ырасы жарыш сызык – эки бычак эмес «канжыга» тамга. Элде «канжыгалуу кара кыпчак» делет. Кыпчакка экинчи жолу Чыңгысхан тарабынан энчиленген тамга – «тарак».
  3. Түп нускада: – «Каган бир чокур тан айгыр атка мине турар еди. Ошул айгыр атны бек чок севейүр ерди».

А. М. Щербак да, К. Өмүралиев да, «Каган ошол айгыр атын бек катуу сүйөөр эле» деп туура которушат. Муну макул табаарыбызды, тек текст дабышына ылайык өзгөртүп которгонубузду белгилей өтөбүз.

  1. Текстте: Өлүк баргу, тирик баргу – өлүү олжо (б.

а. казына мүлк) жана олжо мал. Тирик баргуну А. М. Щербак, мал эмес, колго түшкөн туткундар деп натуура түшүндүрөт. Ырасында «тирик баргу» дал эле мал маанисин берип турат. Жүк жүктөлгөн эмес, арабага чегилген унаа мал тууралуу баратат сөз.

  1. Бир караганда бары ачык көрүнгөн бул түрмөк тексттин эң бир күдүк жери. А. М. Щербак да, К. Өмүралиев да «Кырк кулач жыгач учуна тоок тагылды, түбүнө кой байланды» деген мааниде которушат. Бул текстти Абылгазынын баянына салыштыра карасак анда сөз такук (Тоок) тууралуу эмес, күмүш бүркүткөн жыгачтын тыгы (б. а. учу, м: найзанын тыгы) тууралуу баратканы баамдалат («тугук» сөзү кийин «уукка» өтүшү да ыктымал), жана анын кылда учуна тагылган жамбы тууралуу сөз болуп жатканы айкындалат. Бирок анда экинчи бир нерсенин – койдун мааниси күдүк тартат. Ал неге аягында ак, кара кой байлануу? Кой байгеби? Байге – жамбынын өзүдүр… Экинчиден, турмушка мамиле-түшүнүгүн мындай шартта көбүнесе символ аркылуу кең, терең, сырлуу туюндурган элдин генийи, эпикалык традициясы калайык-калк оң, сол жана ичкилик (б. а. Ордонун өзү) болуп бөлүнүп жаткан ушул тарыхый кырдаалында жогоркудай жалаңкабат чечмелөөнү кабылдабай тымызын өгөйлөп да тургансыйт. Ушундан улам текстти азыраак «байытып» мындайча окуп көрүүгө болоор эле:

Оң жагына кырк кулач шырык сайды, Кылда учуна тагылып алтын жамбы, Аягына таңдай ак кой байланды.

Сол жагына кырк кулач шырык сайды, Кылда учуна тагылып күмүш жамбы, Түбүнө түндөй кара кой байланды.

(Күндү ээрчип түн дайыма айланмагы)

Оңуна Бузуктар, солуна Үч Октор олтурушту,

Каркыттап кырк күнү ой курушту,

Абылгазы баянындагыдай «Угуз Каган» эпосунда ту гукту ат менен чаап атуунун ишаарасы да жок. Андыктан тигилген кырк кулач йыгачты алты, он эки канат, ак өргөө маанисинде да окууга болот. Анда жыгач учундагы тооктун да, түбүндөгү койдун да мааниси түк өзгөрөөр эле. Ошондо улуу кагандар Угуздун, кийин Чыңгыстын кол алдындагы журтун үлүш тайпаларга бөлгөндө уулдарына, тайпа башы бектерге куш, ураан, тамга, колдоочу кайберен (өнгөн) энчилешкенин эстей отуруп түрмөктү котормодо келтирилген сыпатында да чечмелөөгө болоор эле…

Түшүндүрмө

«ӨГҮЗ КАГАНДАН» ӨСКӨН ОЙЛОР

«Үстүдөгү Түрк теңири Түрк ыйык жери-суусу мындай деген: Түрк эли жок болбосун деп, эл болсун деп…» (Кул-Тегин ташындагы жазуу)

Элибиздин эң эзелки мурасы «Угуз каган» тууралуу кеп салуунун келди оролу. Бир караганда бу тууралуу буга дейре айтылып да, жазылып да бүткөндөй, эми жаңыртып айтаар жери деле калбагандай туюлат. Чет элдик, орус, совет чыгышпоздорунун не бир чыгаандары түрк журтчулугуна кеңири таралган бул мурасты бир да кыйгап өтө алган эмес. Мунун да жөнү бар. Карт Азиянын толтосун караңгы доор-замандардан бери байырлаган байыркы көчмөндөрдүн тарыхына баам салган адамга урунганда эле «Угуз каган» баяны урунат. Анын баяны XIII кылымда көөнө уйгур ариби менен катка алынган «Угуз каган» эпосунун, орто кылымдагы персиялык авторлор Хондемирдин, Рашид ад диндин атактуу «Жамаагат тарыхынын», түрк элдеринин тарыхын түгөлдөй эне тилибизде жазылган эскир-мураа Абулгасы бахадур хандын «Түрк санжырасы» менен «Түркмөн санжырасынын», дагы көптөгөн авторлордун эмгектеринин, элдик уламыш, аңгемелердин өзөгүн аралап өтөт. Кыргыз санжырасында да Түрк атадан таралган эртеги урпактын эң бир көрүнүктүүсү катары Угуз ысымы айтылат. «Угуз кагандын» ар кыл авторлор тарабынан жазылган санжыра-баяны Европа аалимдерине XVIII кылымдан баштап эле белгилүү боло баштаган. Ал эми көөнө уйгур ариби менен жазылган эпостук варианты алгач немис окумуштуусу Ф. Дитц тарабынан 1815-жылы үзүл-кесил которулган. Ошондон бери Угуз тууралуу санжыраларга  жана «Угуз каган» эпосуна орус аалимдери Бичурин, В. Радлов, А. Бернштам, А. Щербак, С. Кононов, түрк, фараң, немис аалимдери Риза Нур, П. Пельо, В. Банг, И. Маркварт жана башка көптөгөн чыгышпоздор кайрылган. Бүгүнкү күндө ага арналган эмгектердин өзү эле өгүзгө тете жүк болду. Угуз баянынан алда канча эсе ашып кетти. Кайрылган авторлордун саны канчалык арбыган сайын ал ошончолук тереңин жашырууда. Мезгил жылган сайын кечээ эле калыс көрүнгөн ой бүгүн тайызына тартууда, бир пикир экинчисин төгүндөөдө, алыскы бүл-бүл жылдыздай акыйкат көзү алга азгырууда. Бул да түшүн үктүү. Анткени Угуз баяны имаараттан анча мурда, милладыдан мынча кийин жаралган деп көндүм жыл санак калыбына сала коюп кунун быча салаар өчкөн адабий эстелик эмес. Бул бүтүндөй бир түптүү элдин мезгилдин тунарык баскан түпкүрүндө тунуп жаткан толто дарегинен түрүлүп бизге жеткен жандуу толкун учу… Демек толкун келебин түрүп бүгүнкү «өз жээгибизден» мунарык түпкүргө серп салуунун эби бар.

Соңку кездери Угуз баянына кызыгуу кайрадан жанданды. 1987-жылы Бакыдан Рашид ад диндин каламына таандык «Огуз намэнин» Стамбулда сакталып келген, мурдагы «Жамаагат тарыхында» кездешпеген жаңы варианты илимий жабдууланып жарыяланды. Өткөн жылы Алматыдан казак илимпозу маркум Кулмат Өмүралиевдин «Өгүз кагандын тили» деп аталган уйгурча кол жазманы тегерете изилдеген көлөмдүү эмгеги жарык көрдү. Аталган авторлордун башкалардан өзгөчөлүгү алар тарыхчылар Бичуринге, Бернштамга улай Угуз баянын биринчи иретте бай, тарыхый булак катары карашканында. Бул бек колдоого алынышы керек жана арасында да байыркы тарыхыбыздагы ачылбай келаткан маселелерге кайрыл ганда ири элдин өзүнүн сактап келген бай казынасына кайрылуу абзел. Эмне үчүн? Улуу Бичурин Орто Азиянын байыркы тарыхына баш оту менен киришкен чагында Кытай жылнаамаларынан бир нерсени байкаган экен. Кытай тарыхчылары батыш жана түн жагында жайлаган элдердин тарыхына Хундардын өтө күч алып Ортолук империяны солк эттирген мезгилде гана, атаганда Ийса пайгамбардын жыл-санагынан эки-үч кылым мурдараак гана чындап көңүл бура башташыптыр. Хундарга каршы көмөк издеп эл жер чалып Чжан Цянь элчи чыгыптыр. Ага чейинки маалыматтары учкай болгон, а да болсо ошо көчмөндөрдүн өзүнөн оошкон, оош-кыйыш маалыматтар эле. Ал эми күн батыш түрктөрү – скифтер тууралуу Кытай жылнаамалары дээрлик кабарсыз десе да болот. Тескерисинче, байыркы грек тарыхчылары өзүлөрү «скиф» деп жаңылыш атап алган күн батыш түрктөрү менен ар убак алакада болсо да так маалыматтары Орол тоодон ооп өткөн эмес. Азиянын толтосун мекендеген байыркы көчмөндөр жөнүндө тек каңырыш маалыматтуу болушкан. Мына ошол бизге жеткен эң байыркы күн чыгыш жана күн батыш тарыхынын тогоолунда экөөнүн кемин толуктап дагы бир көөнө тарых жатат. Ал көчмөндөрдүн оозеки санжырасы, дастаны…

Бичурин кытай жылнаамаларындагы өзү кайрылган мезгил мерчеминдеги окуялардын дээрлик миң жылдын тарыхы азиялыктардын санжыра-тарыхына таң каларлыктай дал түшөөрүн байкап минтип жазганы бар: «Ар жагы Ийсанын жыл санагынан үч жүз жылдай мурунку, бер жагы Ийсадан сегиз жүз жылдай соңку мезгил аралыгында Орто Азияда болуп өткөн орчун окуялардын азиялык тарыхчылар тарабынан баяндалышы Кытай жылнаамаларына кыйла бап түшөт. Кытай тарыхы мамлекеттик деңгээлде, өз учурунун фактыларына таянуу менен жазылаары белгилүү. Ушу ыңгайдан алганда азиялык тарыхчылардын байыркы окуялар тууралуу маалыматтарды кайсы булактан алышкандыгы сөзсүз кызыгууну туудурат. Же балким алар качанкы өткөн белгилүү окуяларды териштире ылгап, өзүлөрү корутундулап жазып чыгышканбы? Ушул эки маселенин терең иликтениши Азиянын байыркы күүгүм тарыхын жарытып берээр эле».

Бичуринди таң калтырган бул керемет биринчи иретте элдин өзүнүн эртеги тарыгын, ата осуятын кол жеткис ыйык тутуп, ооздон-оозго көчүрүп аруу, аяр сакташы. Эстээри бар улуу журт гана эртегисин эскиртпей муунданмууга мурастап ала жүрөт. Ошол баба тарыхынын башы – оозеки санжырада да, жазма мураста да түркү тилдүү элдердин түбүн кошкон «Угуз каган» баянына тирелет. Эмесе бул байтак баянды тартуулап жатып анын мисалында байыркы тарыхыбызга байланыштуу окуучулук баамыбызда орчун көрүнгөн кай бир өзөктүү маселелер боюнча эң жалпы мүнөздө болсо да ой бөлүшө өтүүнү зарыл табабыз. Анткени, анын баарынын артында бирде көрүнсө, бирде көрүнбөй, боюна кээде өрүлсө, кээде өрүлбөй уңгулуу «Угуз каган» дастаны уюп жатат…

* * *

Эң эле абалы ойго келген суроо ушул: Угуз каган ким өзү? Качан, кайсы доордо болгон? Же качанкы бир караңгы замандардан калган уламышпы? Дегеле Угуз деген ысым кайсы тилде, эмнени түшүндүрөт? Туурасы Угузбу же Огузбу же Үгүзбү? Киши атыбы, тайпа – эл атыбы?

Кимиси кимисине оошкон? д. у. с…

Изилдөөчүлөрдүн кыйласы Угуздун тарыхый прототиби бар деген ойго келишкен. Бирок мезгилин аныктай келишкенде асман жердей айырма чыгат. Бичурин боюнча ал – Теңир куту Модэ, Ийсанын жыл санагына чейинки 209-жылы такка отурган Хундардын каганы И. Маркварт боюнча айтылуу Чыңгыс каган (Миң жылдык айырма!). Изилдөөчүлөрдүн бир даары Угуз чыгыш калкына «Мүйүздүү шер» ылакап ысмында таанылган атактуу колбашчы Зулкарнайн – Македонский болбосун деп да болжошот. П. Пельо да, В. Банг да түндүк Кытайды 1115–1234-жылдары бийлеп келген чүрчүттөрдүн Цзинь династиясынын атактуу колбашчысы Утубу эпостогу Жүржүт каган чыгаар деп ой жорушат да ошондон улам

Угузду ошол мерчемден издешет. Айрымдар: Угуз – абалы уруу, тайпа аты, жүрө-жүрө ал этнонимден (адам ысмына) айланган түрү бар деген ойго келишкен (С. Кононов), К. Үмүралиев жогорку ойду макул табуу менен бирге анын кийинки тарыхый прототиби бар, – ал – Модэ шаңыя деп Бичуриндин пикирин бекемдеген. Чынында изилдөөчүлөрдүн ичинен чындыкка Бичурин көп жагынан жакын тураарын белгилөө парыз. Теңир куту Модэнин баяны Угуз каган баянына эң эле көп жеринде дал келет. Бирок ошондой болсо да, Угуз баянынын азыркы бизге жеткен мазмунуна айныксыз өз мөөрүн басып турса да Хун доору Модэ баяны Угуздун түп башатын өлчөөдө бу да тайыздык кылып тургансыйт… Угуз окуясынын учу өтө эле  тереңде тепчилип жаткан түрү бар. Ал кайсы тереңдик?

Революциядан мурда түрк тарыхына кайрылган авторлордон агалы-ини Кабир Туйка менен Фазыл Туйканын «Түрк тарыхы» аталган китебинде мындай  бир маалымат бар: «Асиада жашоочу шарк түркү милладыдан отуз төрт асар (3400 жыл) катары мурун зор бир кагандык түзгөн. Ал чакта кагандыктын башында туруучу Огуз каган шаркдагы түрк улустарын бир идара астына жыйгандан соң Сибирде жашоочу фин урууларын жана түрк элинин жаныбындагы  Кытай,  Хинди жана Иран өлкөлөрүнүн бек көп улустарын өзүнө бой сундуруп Сурия жана Мысырга катар бийлик жүргүзгөн. Огуз кагандан соң кагандыктын шүгүтү жоголуп фин, кытай, хинди жана иран калктары өз баштарына күн көрүүгө киришкен…»

Авторлор бул маалыматты Чыгыш жазмаларынан (кайсы экенин айтышпайт) алышканын айтат. Мындай «шектүү» кабар байыркы түрк доору деп кечээги VI кылымды түшүнгөн, андан ашып барса аркы Хун дооруна такалган көз карашыбыздын көнүмүш алкагына сыйбайт. Жомок туюлат. Чынында ошондойбу? Эмесе ой жоруп көрөлү.

«Үгүз Каган» эпосунун текстин дыкаттык менен изилдөөгө алган окумуштуу Бернштам анын боюнан беш катмарды көргөн экен.

  1. Матриархат доору патриархат дооруна оошкон чак.
  2. Таптык мамилелердин калыптануу мезгили.
  3. Гун доору. Өгүз менен Модэ ортосундагы жалпылык.
  4. Байыркы түрк доору. VI-VIII кылымдар.
  5. Печенег – кыпчактар доору. IX-XII кылымдар. Жогорку жыйынтыгын ал кийин 1924-25-жылдары Монголиядагы Ноин Ула коргонун казууда табылган археологиялык табылгалар – кемер калкандарына чөгөрүлгөн өгүздөрдүн сүрөтүн чечмелөө менен да бекемдеген. Бернштамдын эпосун текстинин мисалында келген жогорку бүтүмүнүн алгачкы үчөө ынанымдуу болгону менен акыркы экөө арсарлуу. Модэ окуясы Өгүз баянын ушул бизге жеткен калыбына салган эң акыркы катмары болушу мүмкүн. Жалпысынан Өгүз кагандын өзүн тарыхый эмес эпикалык жыйынды каарман деген бир беткей бүтүмүнө карабастан, анын байыркы башатын аңдоого Бернштам башкалардан чындыкка жакын барган деп ойлойбуз. Бернштамдын жоромолун улап, Өгүз тарыхынын учу Модэден алда канча мурун, тээ караңгы замандардан эле башталма алаарын дагы эмне менен бышыктоого болор эле?

Биз болжолдуу түрдө Өгүз кагандын өзүнүн жасатынан үч каган катмарын белгилээр элек.

  1. Тегинде реалдуу адам жаткан аңызга бай эң байыркы Өгүз кагандын өзүн.
  2. Реалдуу Угуз каганды. Болжолдуу скифтердин өркүндөө доору.
  3. Теңир куту Модэни, Хун доору.

Эмесе кыскача чечмелейли. Байыркы шумерлер жазуусызууга жетишкен биздин доорго чейинки IV-III миң жылдыктардан баштап эле өнүккөн. Алдыңкы Азия элдеринде, андан кечирээк замандарда байыркы Кытайда падышалардын генеалогиясы жазыла баштап, алар «Авеста», «Худай Намэ» жана «Кең Жан» деп аталган кан санат китептердин негизин түзгөн. Ар эл өз тарыхына, падышаларынын таржымалына кайрылганда тарыхый алакасына карай кай убактары жамаатташ калктын тагдырындагы тигил же бул орчун окуяны, ага орой кан ысымдарын камтый кеткен учуру бар. Аажам падышаларынан ошондой легендарлуу бир зат Кеймурас эле. Багдадда кыйла жыл өмүр кечирип чыгыш тарыхын мыкты үйрөнгөн билимдар Абулгазы өзүнөн беш миң жыл мурда өткөн Кеймурас менен Өгүз каганды замандаш эле дейт. Бул айтылган жыл эсеби агалы-ини Туйканын айткандарына төп үндөшөт. Албетте бул айтылгандар терең иликтөөнү талап кылат. Биз муну мисал тартуу менен мындай «чымчым» кабарлардын да тек кунсуз чачылып жатпаганын, ал тээ алыскы чындыктан чыңырып жеткен жаңырык экенин; илимий ийге түшө элек ошо ийнедей дарек көзүнөн да баба тарыхынын учугу башталаарын, аны таануу зарылдыгын атайын белгилей кетүүнү эп көрдүк. Ырасында эле эмне үчүн не бир даңаза чүмбөттөрүнө карабастан жанаша элдердин кан даңазасына чийилген кан-паашалардын реалдуу негизи болуш керек да, ага жанаша эскерилген жамаатташ калктын өкүлү «кыялдан жаралып» андай баамдан сырт калышы керек. Бул албетте чоң акыйкаттын мыйзамына сыйбайт, ушул эле акыйкаттын талабынан чыгып калыс тургудан карап баксак Өгүз кагандын да кулач чабыты болжолдуу эсепте Ийсага чейинки төртүнчү миң жылдыкка карай суналып жатканын макул табабыз. Бул учур Кытайдын кан санат «Кең Жаң» китебинде айтылган, Ийсадан эки миң сегиз жүз жыйырма сегиз жыл мурда өткөн аты дайын алгачкы император Ти Хи Фустун дооруна тушташ. Биз эң эртеги замандарда, эң алгачкы жолу Түрк бабаларынын башын кошуп тарых майданына алып чыккан тунгуч кагандын уңгу уюткуга ээ мезгил деп эсептеген ушул доор санагына илимий болжол-далилдер кайчы түшпөйбү? Жок! – дээр элек. Анткени илимде Тазмин маданияты деп аталган, биздин доорго чейинки III миң жылдыктын башында жаралган, байыркы Түштүк Сибирь, Ээн Сай, Алтай көчмөндөрүнөн калган бай маданият бар. Аска боюна чегилген өгүздүн, багыштын, өгүзгө курулган арабанын (каңга), жер-суу ээлеринин миң түрлүү элеси баба кыялынын көккө эргиген бир ажайып доору болгондугун тастыктайт. Ошол таш сүрөттөрүнүн байыркы Месопотамиядан табылган сүрөттөргө кыйла үндөштүгү да зор кызыгууну туудурат. Азыркы Орто Азиянын түштүк аймагынан табылган, жашы биздин доорго чейинки III миң жылдыктын этеги менен белгиленген Алтын Дөбө маданиятынын жаркын үлгүлөрү – ай кашкалуу өгүздүн алтын башы, бөрүнүн алтын башы да «Үгүз Каган» эпосундагы бизге тааныш образдарга таң каларлыктай үндөшүп турат. Ырас Тазмин маданиятын жараткан калктын этникалык курамы али бир кылка эмес чыгаар. Тарыхтын кийинки өнүгүш жолу аны жараткан калктын эң негизги уюткусун түрк бабалары түзгөнүн ырастайт, анткени кийин-кийин ошол өнүмгө бай, кыртышы ток маданияттын боюнан табигый суурулуп чайлап чыккан, эми түрк көчмөндөрүнүн тарыхый, этно-маданий жалпылыгы эч күнөм туудурбаган, илимде Скиф-Сибирь мезгили деп аталган орошон гүлдөө доору бар. Ааламда бир жаралган керемет искусство – скиф айбанат стили деп аталган бай материалдык маданияты бар. Эми күн туушу жакуттуу аймактан башталган бу тилке күн батышка карай Кара деңиз, Кырым тилкесин тикелей жарып Балканга барышы, күн түшкү жагы Иранда чачылып жатышы ошол бай маданиятты алып жүргөн калайыктын каруу чабытынан кабар айтат. Маданият эч качан өзүнөн-өзү, туруп-туруп эле ушунча кең аймакта гүлдөп кетпеси белгилүү. Демек ошол чактарда ошончо зор аймакты камтыган бир элдин саясий бирдиги жөнүндө сөз кылуу керек, ага башталма берген, анча аймакты андан алда канча мурун бир идара астына жыйып эл уюткан улуу Каган тууралуу сөз кылуу керек. Мындай ой барып-келип эле байыркы ирандыктар Сак, – Туран деп, ал эми гректер Скифия деп атаган чыгыш Европадан Азиянын тереңине кеткен (Птолемей боюнча түп Скифия) көчмөндөрдүн байыркы улуу мамлекети жөнүндөгү ойго жетелейт. Ал мамлекеттин башында турган улуу каган Үгүзгө барып тирейт. «Угуз Кагандын» Рашид ад дин жазган баяны да (артыкча Стамбул кол жазмасы), Абулгазы санжырасы да, Уйгурча варианты да ошончо кең чабыттуу да, ошончо көөнө мүнөз-белгилерге канык. Түп ордосу Кер Көл, Алтай, Бай Көлдө жаткан байыркы көчмөндөрдүн «төгөрөктүн төрт булуңуна» карай жайылышы да ошол бай маданияттын таралуу багытын нускайт. Биз Өгүз Кагандын боюна өрүлгөн экинчи катмары деп эсептеген реалдуу Угуз Кагандын доору да дал ушул Скиф-Сибирь дооруна туш келет. Түрк элдеринин баарына тең Огуз, Угуз, Ууз ысымында кең таралган бул каганды реалдуу деп таанышыбызга себеп – оозеки санжыра менен тарыхый окуялардын дал келиши. Бул өзүнчө өтө чоң сөзгө арзыр эле. Анын үстүнө сөзүбүздүн башында айтылгандай, Угуздун төркү катмары деп көп аалымдардын Модэни жана андан берки тарыхый инсандарды гана таанышы кыйла эле бүйүр кызытаар факт. Антсе да жалпы кептин ыңгайына жараша реалдуу Угуздун дарегин тактоодо өтө зарыл болгон төмөнкү учурларды белгилөө менен гана чектелмекпиз. Ошентип Ийсага чейинки экинчи миң жылдыктын башында башы Миң өзөнгө тиреп, аягы Эдилдин жайкалган талааларына жайыла тарап жаткан көчмөндөр эми экинчи миң жылдыктын этегинде бир башкача айбат, ыйык сүр күтүп атчан, арабачан, жаачан, найзачан – коңгуроолуу коло доорунан ат ойнотуп темир дооруна кирип келишти. Темирдин эмгек, согуш куралы катары байма-бай колдонулушу мейли отурук калк үчүн, мейли көчмөндөр үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгону белгилүү. Төтөн, көчмөндөрдүн колундагы темир ажал чакырып желге ырдаган кылыч кыңгыры же бөрү тил найза ыры гана эмес, адам рухунун өлбөс сулуулугун жарлаган өрүштүү маданияттын таралышынын да өбөлгөсү болду. Фактыларга келсек Скиф аталган көчмөндөрдүн тарыхта өтө активдүү көрүнө башташы Ийсанын жыл санагына чейинки VIII-VII кылымды мелжейт. Бул чакта Скифтер өзүлөрүнө этникалык теги энчилеш Кимерилер менен бирдикте Аажамга (Мидия), Урарту, Ассирияга Кара Деңиздин түн жагынан куюлуп алмак-салмак ат коюшту. Ийсага чейинки 715-жылы Кимерилер Урарту падышасы Урус Iни талкалады. Байыркы дүйнөгө аша таанымал Ассириянын атактуу падышасы Ассаргадонду камоолго алды. 675-жылы Кичи Азиядагы Фригия падышачылыгын тизе бүктүрдү. Ушул эле учурда Алдыңкы Азия Скифтердин ат туягы алдында тытылды. Ал эми 630-620-жылдары дүңгүрөгөн кубаттуу кошуун Сирия, Палестинаны кара чаңга бөлөп, Мисирдин чегине кирди. Ушул эле учурларда, б. а. Ийсага чейинки VIII-VII кылымдарда Азиянын Чыгыш тереңинде да орошон окуялар жүрдү. Кыяндай кирген көчмөндөр байыркы Кытайдын чоң борбор талааларына чейин каптады. Кытайлар аларды «ди» деп атады. Ошо чактагы Евро-Азиянын мелмел мейкининдеги тарыхый окуялардын ырааты, «ди» аталган көчмөндөрдүн Кытай жеринде калтырган материалдык маданиятынын үлгүлөрү да калктын Скифтер экенин айныксыз айтып турат. Байыркы дүйнөнүн б.д.ч. 1-миң жылдыгынын башында өткөн ошол заман термел доор сапырык орошон окуялар Угуз Кагандын бир эле мезгилде «Күн тууштан күн батышка жаадай керилген, түн жактан күн жүрүшкө жебедей зыркыраган» жааңгер дооруна кандай гана дал түшөт – ов! Артыкча «Огуз Каган» деп аталган Стамбул кол жазмасындагы Огуз Кагандын жортуулдары, окуя ырааты, учураган элжер ысымдары тарыхта тагы калган дайындуу окуяларга кандай гана шайкеш келет! «Огуз кагандагы» Масар Каган – Мисир канына, Урум Каган – Рум канына, Урус Каган – Урарту-падышасы Рус I ге (Изилдөөчүлөрдүн кыйласы Урусту Орус деп билип, ошондон улам ал кезде жыты да жок Киев князы  Святополкту ага телиши чындыкка сыйбайт), Фракия болсо Фригияга (Кичи Азия) бап, Угуз Кагандын реалдуу негизи бар деп билгенибиздин бир себеби ушул, ал экинчи себеби, эл санжырасында анын генеалогиясынын так берилиши жана да мезгилубактысы боюнча да Скифтердин жогорулоо дооруна тушташтыгы. Эми ушул жерден Угуздун генеалогиясын келтирүүнүн эби бар. Биринчиден, анын реалдуу негизин ачык таануу үчүн керек, экинчиден, Угуз генеалогиясы ар кайсы булактарда айырмалуу берилип жүргөндүктөн тактап алуу үчүн да керек. Эмесе Угуздун кан санатын Курбангали Халидовдун «Тарых хамсэ» санжыра наамасы боюнча сунуш кылабыз.

Турак хандын (түрк) эки уулу болду. Бири Кайуң хан бири Түтөк хан. Турак хандын заманы Шаң династиясына негиздеген Чын хандын (Чен Тан – б.д.ч. XVII к.) заманына тушташ. Бирок ушул эле автордун Түтөк хандын заманында Чын Хан Шаң Чын шаарын курду деген кабарына караганда бул мезгил Шаңлардын «Шаң Иң» деп аталган экинчи баскычына (XIV–XI кылымдар) туура келет. Түтөк хан опаат тапкан соң ордуна Элчи хан болду. Андан соң уулу Диб Бакуй хан болду, андан соң уулу Кийик хан болду, андан соң улуу өкмөт куруп уулу Ааланча хан болду. Ааланчадан Маңгул, Татар эки уул калды. Аавалда Татар үлүшү күчтүү чыгып Маңгулга үстөм жүрдү. Коңшу жамаат бу заманда көбүнесе үстөм үлүш татар ысмын тааныды. Татардан кан тукуму; Татар хан уулу Бука хан, анын уулу Элчи хан, анын уулу Ырсаалы хан, анын уулу Аксары хан, анын уулу Ардук хан, анын уулу Байдук хан, анын уулу Сүйүнчү хан. Акыркы эки кандын заманында Маңгул, Татар ортосунда чоң нааразылык чыкты. Сүйүнчүдөн соң Байдуктун экинчи бир уулу Жоочу хан болду. Жоочудан соң анын уулу Жадик хан, анын уулу Сандуу хан, анын уулу Камук хан, анын уулу Касур хан, анын уулу Абыл хан, анын уулу Менди хан, анын уулу Элик хан, анын уулу Айбак хан, анын уулу Кийик хан, анын уулу Жоочу хан, анын уулу Сүйүнчүк хан болуп татардан жыйырма муун как өттү. Сүйүнчүк кандын үч уулу болду. Тайынгут хан, Душун хан, Кичүл хан ысымдары. Үч бир тууган так талашып атадан калган элди үчкө бөлдү. Бу кезде Маңгул насили бейтарап гана турбай жең ичинен от коюп аларды дагы алыштырды. Соңунда алсыраган бийликти серпип салып өз насилдеринен Кызыл Бука уулу Караканды кан көтөрүп бөлүнүп чыгышты. Бул Каракан Маңгулдун он сегизинчи небереси эле. Каракан опаат тапкан соң ордуна уулу Угуз хан хан болду. Калк оозунда касиеттүү ысмы калган бул хан акылдын күчү менен да, кылычтын мизи менен да бүткүл Маңгул, Татар үлүшүнүн башын кайрадан бириктирип эл уютту. Ааланча доорундагы айтылуу даңазасын калыптап Батыш-Чыгыш түрк бирдигиндеги шүгүттүү улуу каганы болду. Төгөрөктүн төрт булуңуна бийлигин жайылтты. Санжыра нугу ушуну нускайт. Эл эскиртпей сактаган эртеги ушу кабар скифтердин өркөнү өскөн доорундагы тар окуяларга үндөш табыш салып турганын баамдоо деле кыйын эмес…

Скиф демекчи, эчен бир көрүнүктүү чыгышпоз окумуштуулардын далай кызуу талаш-тартыштарынан соң жетишилген скифтердин маданияты, теги-жайы тууралу мурдагы пикир кайрадан каралууга өттү. Акырындап скифтердин чөйрөсүн тарытып отуруп аларды Кара деңиздик көчмөндөр менен гана чектөөнүн соңу билинбей барып дегеле скифтердин теги түрк тилдүү көчмөндөр экенин танууга өсүп жетти. Бул чындыкка шай түшөбү?.. Ушул өңдүү суроолорго жооп издей келгенде да «Угуз Каган» эпосунан кай бир зарыл маалыматтарды табууга болот. Эмесе сөздү ирети менен жөнөтөлү. Баба мурасы скиф айбанат стилинде жасалган буюм-тайымдар алгач Кара деңиз бойлорунан, түндүк Кавказ, Украинадан табылган кездери окумуштуулар муну бир ооздон скиф падышалары үчүн байыркы Элладалыктар жасап берген буюмдар деп аны көөнө грек маданиятынын үлгүсү катары эсептешкен эле. Бирок кийин дал эле ушул усулдагы буюмдар Алтай, Сайан, Памир, азыркы Орто Азия аймагынан ого эле мол табылып, бай мурасты жараткан элдин төбөсү көрүнгөндө скиф маданиятынын адреси такталып, көчмөндөрдүн жапайылыгы тууралуу мурдагы миф бир төгүндөлгөн эле. Кийинчерээк түндүк Иранда 1947-жылы «Сак кыз» кансалыгы (б. э. ч. VII кылымдын мурасы, «сак» деген сөздү да жадыңызга ала туруңуз), ачылганда баштагы эски талаш дүрт жанып скиф маданиятынын ээси индоевропалыктар деген версия жана бир козголду. Бирок кайрадан Чыгыш Казакстандан жана Тувадагы эски коргондордон табылган скиф буюмдарынын жашы б. э. ч. VIII кылым менен белгиленип скифтердин байыркы мекен ордун мезгеп жогорку пикирди жана бир жокко чыгарды. Ал эми соңку кездери башка жаңы бир версия башталды. Эми скифтердин өзүлөрү талашка түшүп «алар зили индоевропалыктар болсо керек» деген пикир билинбей тамыр жайып, бүтүндөй көөнө тарых, көчмөндөрдүн маданияты кайра алдыртан ревизияланууга өттү. Мен тек алардын бирин гана азыркы авторитеттүү окумуштуулардын бири Бонгард-Левиндин аты угумдуу «От Скифии до Индии» (М., 3983-ж.). деген жалпы окурман журтуна ылайыкталып жазылган китебин гана атай кетким келет. Албетте илимде кайчы пикирлер дайыма боло келген, бул мыйзамдуу, абсолюттук акыйкатты чөнтөгүнө салып жүргөн пенде жок, ушуну эске алып кыскача муну айтмакчыбыз.

Биринчиден «Скиф» деген этноним эч бир тилде эчтекени түшүндүрбөйт. Анын кайсыл тилде айтылып жаткандыгынын эле өзү чечүүчү болбосо да, кыйла зор мааниге ээ. Эмесе скифтердин туура аты – Искит (б. а. эски ит, байыркы, илгерки ж. б.). Революцияга чейинки түрк тилдүү авторлордун дээрлик баары бир ооздон ушундайча айтып, жазышат. Ал эми «скиф» аталышы байыркы грек тарыхчыларынын өзүлөрүнө чоочун тилдеги сөздү буруп, бузуп алышканынан чыккан каңырыш атоо. Бул пикирдин ырастыгын түрктөрдүн түштүк коңшусу ирандыктардын скифтерди өз тилинде «Сак» деп атагандыгы да бышыктайт. Сак – биздин тилде ит деген маанини берет. Ошентип «Скиф» да, «Сак» да эки аймакта ар башка элдин тилиндеги бир эле элдин айтылышы. Мындай аталышка көчмөндөрдүн бир бөлүгүнүн тээ эзелки заманда көк бөрүнү сыймык (тотем) тутушу себеп болсо керек. (Бул бүгүнгө чейин кыргыздардын бөрүнү ит-куш деп тергегенинен да көрүнөт) Көчмөндөрдүн өз тегин көк бөрү деп таратышы өтө көөнө доордо чыккан жана ал кийин алакалаш элдерге – мусулман журтуна, Европа, Кытай калкына дейре таралган. Мисалы Таңшу династиясынын тарыхында Гунндардын түндүгүндө жайгашкан. Са деп аталган таасирдүү ордодон чыккан Ичжини шидү жөнүндө, анын карышкырдан туулгандыгы жөнүндө каймана мааниге тунган өтө терең уламыш бар. Байыркы үйсүндөрдүн башкаруучусу Куньмону бала кезинде карышкыр эмизип асыраганын кытай тарыхынын атасы Сыма Цянь жазат. Ушул эле уламыштын бир түрү узаакы берү желишке салып Ромул, Рем окуясына айланып Итаалы калкына жеткен. Мусулман журтунда трансформацияланып келекелүү түр күтүүгө үлгүргөн кандын кырк кызы жана аларды жандаган кырк иттен туулган кыргыз тууралу (ушундай эле уламыш кыпчак уруусу тууралуу да айтылат) уламыш да кырк уруу кыргыздын, б. а. көчмөндөр өз теги жөнүндөгү байыркы ишениминдин изин сактап калган. Мындай мисалдар кыйла жана алар тек көз жумдуга салып коёр «көктө илинген жомок» эмес,  көчмөндөрдүн көөнө тарыхына жетелеген көздөй багыт-учук. «Угуз Каган» эпосундагы көк теңирден нур болуп төгүлүп, качан да болсун Кагандын жолун ачып ак төлгө түшкөн Көк бөрүнүн да миф үлбүрчөгү алдында Өгүз аскерине союздаш реалдуу Искит жамаатынын жатканын баамдоо кыйын эмес. Дегеле адилеттик үчүн айтып коюу парз: эпостун жашы качанкы карт замандарга кетээрин тастыктаган Көк бөрү, Жер кызы, Көк кызы, Кыйат өңдүү миф катмарын айтпай ак койгон күндө да реалисттик боёкторго өтө бай турмушка канык катмарынын өзү да окуя-баян учу өтө узакта жатканын нускайт. Же болбосо санжыранын биз азыр анчейин элес албаган мындай бир шилтемдерине баам салалы. Кереге үйдү Түрк баба ойлоп чыгарды Түтүк баба кебеп жасап жеп отуруп, колдон кокус жерге түшкөн кайберен этинен бир жакшы даам сезди, тузду ошентип тапты. Же каңганын (араба) жасалышы жана «каң-куң» чыгарган дабышына ылайык атынын коюлушун алсак булар өнүккөн Искит доорунан алда эче мурдагы, бүгүнкү көзгө өтө примитивдүү көрүнгөн, ал эми өз мезгили үчүн зор мааниге ээ олуттуу окуялар. Кыйырларды кезип кийинкилердин оозунда калганы да ошондон. Ал эми жазуу дареги боюнча жанараак айтылгандай Искиттердин тарыхта активдүү көрүнө баштоосу Ийсанын жыл санагына чейинки VIII–VII кылымды мелжейт. Ал Искит маданияты көккө өрлөп өркөнү өскөн чагы. Бул кезде күн батыш түрктөрүнөн Искиттер, ага жамаатташ Сармат, андан чыгышка карай Массагит үлүштөрү Туна (Дунай) суудан Арал деңизине катар созулуп жайгашканын, бирок авалда алардын күчтуүсү Искит үлүшү болгондуктан байыркы гректер калгандарын да ошо үстөм үлүш атында «Скифтер», б. з. Искиттер деп жалпы атап алышканын санжыра-тарых даана айтат. Күн батыш түрктөрүнүн ошол кездеги дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттеринин эсебиндеги Грек жана Иран менен ийин тирешип, кай бирде алым да алып турганы, Кир падышанын атактуу Томирис каныша тарабынан быт-чыт талкаланышы жана акыры барып ал кездин эң атактуу өкүмдары Даранын аскерин тоздуруп «теңдешсиз» саналган Персиянын шүгүтүн биротоло кемиткенди алардын андан алда канча мурда эле бакубат толгонун, Батыш-Чыгыш түрктөрүнүн уюшкан жалпы бирдигин каңкуулайт. Демек кубаттуу мамлекеттин жер пайын курган улуу кагандардын болгондугунан шек туудурбайт…

Кыябы келгенде кыпчый кетээр нерсе: жеке оюбузда «Эскит» этноними сыяктуу эле Сармат, Массагит этнонимдеринин боюнда да тотем – ит аталышы жатат деп боолгойбуз. Бул сыягы уруунун, тайпанын, үлүштүн болобу теги ким, эмнеге таандык экенин нускаган байыркы жумгак форма болсо керек. Мунун кийинки тепкичтери балким мындайча уланаар: Ашына түркү, Түрк кыргызы (эл), Ичкилик кыргызы, Аркалык кыргызы (дубан), Көл бугу, Жумгал саягы (уруу), Бугу Боромбай, Солто Жангарач, Сарбагыш Чоко (уруу башчылары), Кылыч Шамыркан уулу, Боогачы Жакыпбек уулу (адам, урпак) ж. б. Айтыла, айтыла жүрүп, арада эчен заман оодарылып, элдин тили, дини салт-санаасы өзгөрүлө барып байыркы таандык форма – «иттин» мааниси күүгүм тартып акырындап изилдөөчүлөр кийин айтып жүрүшкөн монгол тилиндеги көптүктү туюндуруучу «лар» мүчөсүнүн кызматын аткарып кетсе керек. Аргынут, Оңгут, Маңгыт, Керейит, Шибейит, Бурут, Бурат, Тыргоот, Салжут, Меркит, Баргут, Уранхит ж. б. түрдүү уруу, тайпа ысымдары кийинчерээк ушундайча жасалгандыр…

Түрк  өлкөсүнүн дагы бир  байыркы аты – Туран. Бул да Ирандыктардын берген аты. Тур – индоевропа тилинде Өгүз маанисин туюнтат же түрк элинин дагы бир тотеми. Көчмөндөрдүн бир жамааты тутунган тотемине карай «Эскит» деп айтылган сыңары, Үөгүздү сыймык тутунган экинчи бир жамааты өзүнө Өгүз этнонимин энчилеши мүмкүн. Ал эми Өгүз Каган ошол элдин каганынын ылакап ысмы. Болгондо да Өгүз ысмын биринчи жолу дүңгүрөтүп алып чыккан алгачкы шүгүттүү кагандын ысмы. Эпостогу Мысыр Каган, Урум Каган, Чүрчүт Каган деп, эл аты кан атына оошкон шекилди. Көчмөндөрдүн Үгүздү сыймык тутушу жайында буга дейре ар кайсы авторлор тарабынан аздыр-көптүр жазылды. Кайталап отургубуз жок. Тек, Бернштамдын Нэин Уладан табылган кемер калкандарга чөгөрүлгөн өгүздөрдүн сүрөтүн тотем деп таанышынын турмуштук негизи бар экенин кийин Ээн Сай, Алтай, Миң-Өзөн аймагындагы таш бетинен табылган шаа мүйүз өгүздөрдүн, жөн эле өгүз эмес миф чабыттуу Күн-Өгүздөрдүн көп сандаган сүрөттөрү да ырастарын кошумчалайбыз. Тотемдин эл атына айланышын түрктөрдүн өтө алыскы туушканы Доңуздардьш (тунгус) мисалы да ырастайт. Алар жайлаган алыскы Амурдагы таш сүрөттөрдө Алтай, Сибир аймагындагы таш сүрөттөрдөн айырмаланып көбүнесе ар кыл формада жана эң эле көп санда тотем Доңуз элеси чегилгенин көрүүгө болот. Эми көчмөндөрдүн «Тур» атына келсек, гректерден айырмаланып көчмөндөр менен көбүрөөк чекиттен кесилишкен эски, кексе жоосу байыркы Ирандыктар көчмөндөрдүн бир жамаатын «Сактар», экинчи жамаатын «Турлар» деп бөлүп тагыраак аташы да мүмкүн. Көчмөндөрдүн тирлик жашоосу, мамлекети кандай кыймылдуу болсо жогорку атоонун чеги да өтмө-өзгөрмөлүү болушу ыктымал. Көккө табынган байыркы көчмөндөр жашоо-өмүргө башталма берген Чыгыш өңүрүн өмүр-күн бүткөн Батыш өңүрүнөн маңызы артык баалаган мисалы, ким билет Өгүз Кагандын (Чыгыш көчмөндөр) жеңиштүү жолунда Көк бөрүнүн (Батыш көчмөндөр) жандооч катары сыпатталышынан да көрүнөөр. Ушунун эле өзү Өгүз жамаатынын бир кез Бөрү жамаатына болгон үстөм абалын да нускаар…

Жогору жактарда айтылган түз-кыйыр далилдер, болжолдор биригип «Өгүз Каган» баянынын башаты канча кары, керең доорлордон келээрин, калк башын бириктирген улуу каган тарыхы качанкы терең, замандарга төнөөрүн көрсөтөт. Өгүз каган Модэ эмес, андан алда эче мурда өткөн тарыхый инсан болушу мүмкүн, анын экинчи катмары Угуз Каган дегенибиздин себеби ушул. Ал, Модэ баяны Өгүз Каган баянына өрүлгөн акыркы катмары деген ойду төмөндө Өгүз Кагандын кыргыз элине канчалык тиешеси бар деген экинчи болжол оюбузду айтууда эриш-аркак өнүктүрөбүз.

* * *

Угуз Кагандын кыргыз элине тиешесин айтаардан абалы дегеле «Кыргыз» этнониминин чыгышы тууралуу сөз кылуу зарыл. Анткени, кандай имерип карасаң да ушу эки аталыштын өзөгүндө жаткан жалпылыкты тана албайсың.

Экинчиден, «Кыргыз» этнониминин «Угуз» менен байланышын ырастоо алардын тарыхынын бирдигин таануу дагы так айтканда түпкү ордонун түндүк ээсин табуу дегендикти да билдирет.

Кыргыздын теги тууралуу уламыштын бири илгери жоодон качып кутулган кырк гуздан, да бири кырк үйсүндөн таралган десе, бирээри «Кырк кыз» деген сөздөн чыгарат. Дагы бири кыр-кырда кезип жүргөн  көчмөн калк болгондуктан «кыр кез» деген сөз жүрүп отуруп кыргызга айланган дейт. Кырып болгус көп жоокер эл эле, андыктан кыргыз  аталды дегендер да бар. «Кырк» жана «жүз» деген уруу аттарынын жуурумун түзүлгөн сөз деп да эсептешет. Кытайча Гянгун аталышынын мисалында Кем Жана Орхон топонимдеринин биригип айтылышынан чыгарышат. Айтор тарыхта биз билген этнонимдерден ушунча чоң талашка түшкөнү өтө сейрек а балким жокко эсе чыгаар. Ушунун эле өзү кыргыз аталышы, анын алдында бириккен калктын кабары өтө эски замандан келээрин айтат. Жогорку ар бир версия тек жеке-жарым бирөөнүн сөз ойну эмес, ар бири өз мотивировкасына ээ, байтак мекендин ар кай жагына чачылып кеткен байыркы элдин улама кебинен уюп түшкөн, же мусулман, кытай жылнаамаларына таяп айтылган ой жоруулар. Алардын бирин да жокко чыгарбастан, тетирисинче, аңыз-болжолдун мынча көп кырлуу, молдугу эл тамыры ошончо кең аймакка чачырап жайылганын дагы бир жолу ырастаган далил экенин белгилей отуруп элдин аты-заты тууралу муну айтмакчыбыз. Биздин оюбузча кыргыз аталышы эки сөздөн – КЕР, ГУЗ деген сөз айкалышынан турат. КЕР – жер аты, ГУЗ – УГУЗ этноними.  Муну  кантип ырастоого болот?..

Жогоруда Кытай, Грек, Иран жылнаамаларындагы байыркы Үгүз, Искиттер тууралуу маалыматтар көчмөндөрдүн өзүлөрүнөн оошуп, «өзгөрүүлөргө учураган уламыш санжырасы экенин, түп тарыхты аңдоодогу анын маанисин туйдук. Эми ошол оозеки тарыхтын башына келсек эски түрктөр эң эртеги замандарда Ар тоо жана Кер тоо деп аталган жерлерди жайлашканын көрөбүз. Рашид ад дин айтат: Олжайту хан даркан талаалык эле; жайлоосу Ор жана Кер аталган өтө бийик тоолордо эле, ошо чөлкөмдө Анбаиж аттуу шаары бар, кыштоосу Йурсук какыян, Кар Курум-аны Кара-Корум деп да айтышат, – деген жерлерде. Ага аймакташ Талас, Кары Сайрам деген шаарлар бар…» (Стамбул кол жазмасында: «Олжай хандын ордосу ошондо эле деп кошумчаланат). Абулгазы айтат:  «Түрккө Йафес уулу деп лакап ат коюшту. Басыйар  адептүү жана акылдуу киши эле. Атасынан соң жерлерди жүрүп көрдү да, бир жерди куштап анда турду. Бу күндө ал жерди Ысык-Көл дээр. Кереге үйдү ошол чыгарды… Карахан атасынан соң тамам элге падыша болду. Ар тагы жана Кер тагы бу заманда Улуг тоо жана Кичик тоо делээр, аны жайлаар эле. Кыш болгондо Кара кум жана Сыр суунун кыштаар эле…». Тоголок Молдо Алтайда курган масилет жайын айтып  келип минтет: «Күн батыш жакта кадимки Түрк атабыздын алтын жасаты атагы дайын айтылуу Кер  Көлдө калган. Кер Көл бу күндө Ысык-Көл аталган».

Алтайдагы кыргыздардын Ысык-Көлгө кайрылып келишин сүрөттөп жатып Сагымбай манасчы айтат:

Кер Көл ата боюнан, Керме тоонун оюнан.

…………………………………

Көл менен тоонун арасы,

Көп көрүндү карасы, Эсеп жеткис эл экен, Каарданса бир жолу

Каптап кетээр сел экен…

Жетишээр! Демек Түрк атанын эң байыркы ордосу, кыштап жайлап көчүп конуп жүргөн кең аймагы – Ар тоо, Кер тоо, Кара Корум, Кары Сайрам, Талас аймагы. Алтындай жасаты жазданган жер – Кер Кел… Дал ушул себептүү байыркы Кер Көл Ызык Көл б. а. Ыйык Көл болуп аталууга өткөн (адис тилчилер «й» дабышы эски тилде «з» формасында айтылганын жазып жүрүшөт). Ушул куттуу аймак бир нече муун жаңырып анын кийинки урпактары Кара кан, андан Угуз канга калган экен. Түрк уругунан Угуздун ооматы жүрүп эл уютуп, «төгөрөктүн төрт булуңунун каганы болуп» шүгүтү күчөгөн замандарда көбөйгөн эл менен кеңейген жер аты биригип турак кылган жайына карай Ар гуздары. Кер гуздары деп атала баштаса керек. Ошо аталыш бара бара Аргуздар жана Кергуздар деген чулу ысымга айланган шекилди. Буга дейре тарых таанууда арийлердин түп мекени Орто Азия болгону, андан ооп Иран, Индостан барганы көп жазылды. Бирок арийлер насили индоевропалык деген талаштуу бүтүм чыгарылып ал акыркы айныгыс чындыктын түрүн кийип алды, буга чоң далил катары Иран мамлекетинин аталышы мисал тартылат. «Ар» уңгу Иран деген аталышта гана эмес, Орол, Арал, Аргуз, Аргун деген жер-суу аттарынын Аргу, Аргун, Татар, Авар, Сувар, Хазар, Каңгар, Булгар, Мажар («Эски ит» этнониминин курулушун эстеңиз) өңдүү толуп жаткан теги көчмөн элдердин ысымынын негизин түзүп тураарын, ал өзүнчө чоң сөзгө арзырын учкай гана белгилеп, макаланын максатына ылайык кеп нугун Кергуздарга бурабыз.

Ошентип Кергуздары Түрк ата «куштап жактырган түп ордону ээлеп (бул анын айрыкча абалын көргөзөт) Күн жүрүш-батышы Кер Тоо, Кер Көлдөн күн туушу Кер Үзөн (Кер Үгүз, кийин Ээн Сай), Кер өлөң, Кара Корум, Алтай, Байкөл, Сары Үзөнгө (Хуанхэ) чейинки кең аймакта кеңирсип жаткан кези. Байыркы Угуздан түрк журтунда канат бутагы жайылып канча бир оодарылгыча кырк уруу кыргыз атанып, чыгыш урууларынын башын коштуруп турган ооматтуу чагы ошол. Бул болжолу Гун дооруна чейинки узак мезгилди камтыйт. Ал кезде кыргыз ысымы мурдагы «Түрк» – «Үгүз» сыяктуу эле адепки түркий этникалык жалпылыгын сактоо менен саясий акимчилик мааниде кеңейген. Курамында Уйгур, Каңглы, Кыпчак, Агачери (жыгач эр, б. а. токойлуу-ормануттар), Калач (эфталиттердин түп ордосу) өңдүү эң эски уруу-тайпалары, батышында «шоңшогой калпак сактар», чыгышында Татар Маңгул деп аталган ири үлүштөрү үстөмдүк кылган учурлары ошолдур. Ал эми ордо бийлиги ошо чактарда легендарлуу Ааланча кандын тукумдарында болсо керек. Алдыга озо айтканда ким билет, кыргыз деген соңку элдин түйүлдүгү так ошол чакта ордо түрктөрүнөн түйүлүп башталгандыр да, суурулуп чыккан ал жамаат-кийин өзүнө ордо ысмы – «Кыргыз» этнонимин энчилегендир. «Кыргыз» деген аттын билигин өчүрбөй бирде толкутуп чайпалтып, бирде өксүтүп кемитип, кайра бир өчкөн отун тамызып, өлгөн жанын тиргизип, жойкун доорлорго жойдурбай эң соңку заманга чейин сактап келген элдин өзүнүн түп башатын Маңгул, Татар ысмынан мурда аталган легендарлуу Ааланча канга алпарып такашы ушул ойду астейдил ырастап турат. Ушул ойду дагы, кийин миң чабылып тозсо да тоорулуп-зарлап кайра эле ошо элдин түп атасы жай алган түпкү ордо – Ыйык Көлүнө арзып келиши ырастайт. Көчмөн салтындагы ордодо айтылган соңку улуу жомогу – Манасын муңдурбай муундан-муунга мурастын келиши ырастайт. Ошентип Ааланча доорунда кырк уруу кыргыз бирдиги дамыды, өзөгүнөн улам жаңы уруу, тайпалар бөлдү, шаа бутагын көргөн байтеректей көк мелжип бир ыптасын экинчи ыптасы далдалай тартып, ар үлүшү өзүнчө каганат дээрлик даража мелжеп, а мүмкүн арадагы байланышы азая тарткан чагы да келди. Дал ошол толтосунан улам жаңы толкун демеген бирдиктен эки тарых майданына акырындап күн чыгышынан Гун үлүшү суурулуп чыгып келатты.

Гундар деген деги ким?..

Изилдөөчүлөр «түрк тилдүү, жок монгол тилдүү эл» деп  кызыл чеке талашкан бул калк кайдан чыкты? Эмне үчүн Кытай тарыхынын көчмөндөр жөнүндөгү бисмилда барагы башталган Гун санаты көчмөндөрдүн өз санжыра дастанында атагы таш жарган эл ысмы ирети айтылбайт?.. Ушу өңдүү суроолорго жооп айтууда оболу анын башын ачууда айрыкча мааниге ээ бир маселеге учкай токтололу, буюрса Гун тууралуу кези келгенде айтыла жатаар…

Эң эзелки Түрк, кийинки Угуз, Кыргыз доорунда улам өркөнү өскөн элди куруу, башкаруу тартиби өтө билги иштелип чыккан экен. Топ-топ айыл аймактарга (уйумак), аймактар таптарга (же тайпаларга), тап урууларга, уруулар улустарга (үлүш) бириккен. Айыл башчысы аксакал, аймактыкы ага, таптыкы бий, уруунуку орос, үлүштүкү кан аталып, ар бир кан элик башкарууда эриктүү болуптур. Заман-доор мүнөзүнө ылайык сырткы жоо күч алганда, же үлүштөрдүн ичинен не атактуу, не типтүү, чыгаан билги кан чыкканда калган үлүштөрдү өзүнө бой сундуруп, кандардын каны же Каган атын алыптыр. Улуу мамлекет – каганат куралыптыр. Көчмөн доор мүнөзүнө ылайык үлүш да, каганат да өтө «кыймылдуу» болгон. Аймак кеңип тайпа атанып, тайпа урууга өсүп, уруулар жаңы үлүш түзүп, үлүш каганатка өтүп, биринин атына бири куюп, биринин атын бири жоюп, бир жери буюгуп бууракандап жээгинен аша серпилип ташып бөксөрүп, бир жеринен кыр чыгып чокуга өсүп, да бир жери тереңине күч топтоп дымып, да бир жери куркурап куюгуп түбү оңурайып… көчмөн дүйнө көөрүгүн кызытып күрр-шарр түшүп сапырылып кайнап жаткан экен… Кечээги эле зор үлүштүн бүгүн аты угулбай ордуна жаңы ысым чыгышы, опол тоодой каганат көчүп ордуна такыр башка каганат турушу сырткы көзгө көчмөндөрдүн бирин-бири жоюп, кырып, мамлекетин тыптыйпыл талкалап, жаңы мамлекет тургузуп жаткандай көрүнгөн. Бул отурук элдин кыр кырда кыйкуулап чапкан көчмөн элдин дүбүрттүү коомун өзүнүн чээндеги «кыймылсыз» көз карашына салып өлчөгөн эң чоң, эң негизги жаңылыштыгы болгон. Бул процесс эң абалы, теги (түрк), дини (көк теңир), салт-санаа, жашоо көйүнүн жалпылыгынан улам кызыл кыргынсыз, көчмөнчүлүктүн диалектикалык мыйзамына ылайык табигый мүнөздө жүргөн. Ошол агымдын түрпүн байкап, билги багыттап ченеп чечкен жумуру баштуудан не бир чечендер чыккан. Чечен ал кезде акылгөй, билги эле эмес, бийлик эгеси да болгон. Ырас, ошол эле мыйзамга ылайык ич ара кактыгыш, чыр-чатактар да болбой койгон эмес. Бирок сырткы шарт – көчмөндөрдүн эң эски, күчтүү коңшу жоолору Иран, Урум (кийин Византия), Чын мамлекеттери менен ар дайым алакада болушу, пейилин байкап сак турушу өзүнө ыңгайлуу учурда жортуулдар жасашы алардын түп ордонун каруу-күчүн, ыркбирдигин качан да болсун көздүн карегиндей сактоосун зарыл шарттаган. Эгерде мындай болбогондо, көчмөндөр бирин-бири мууздап тынганда байыркы дүйнөнүн «үч көзүрү» (Великая ось) атанган улуу мамлекеттерин үч жакка керип Евро-Азиянын байтак кыйырында көчмөндөр цивилизациясы түзүлмөк эмес да, ушул зор кеңдикте тарых такыр башкача өнүкмөк, дүйнөнүн бүгүнкү сүрөтү алдагачан башкача болмок…

Кезинде улуу Бичурин көчмөн доордун ушул кыймылдуу мүнөзүн кыраа байкап минтип жазган экен: «Орто Азияда тээ эзелтен эле элди бөлүп башкаруу ыкмасы колдонулган, башкача айтканда мамлекет бир нече майда бөлүктөргө бөлүнгөн; кыябы келгенде алар бири-бирине куюп же кайра ажырап дегендей жаңы мамлекетке биригишкен. Мындан тышкары монгол эли эл наамын бийлик башындагы ордо ысмынан ооштуруп алган. Бир эле эл Хунну ордосу тушунда Хунну деп, Туулга (Тюкю) ордосу тушунда туулгалыктар деп жана монгол ордосу алдында монгол деп өзгөрүп айтыла берген. Муну дагы бир башка ордо багындырмайынча ушинтип айтылганы айтылган. Үйдөкү эки шарт гректерге белгисиз эле. Батыш Европа аалимдери мунун биринчисин билбей, экинчисин элес албай, ушундан улам эл ысымдарын чаташтырышкан. Жарымды бүтүн санап, жамыны түтүн санап алган жаңылыштыгынан улам элдин бирде тартылса, бирде ташкындап турган таңгалыштуу табышмагына тушугуп, аны түшүнө албай дел болушкан.

Так ушундай шартта, бир эле зор элдин ар уруу тайпасы кеңип, ордо бийлигине бири келсе бири кетип, кечээги күркүрөгөн өзөн тартылып, ордуна билектей жылжып суу калып, ургундай дайра угун жаңыртып, шарпасы жаңы ордонун шанын жардап, оомал-төкмөл көч дүйнөдө Гун үлүшүнүн күнү тууп, Күн Ордосу тарых майданына келген экен. Оо бир кездери күн батыш түркүндө оболу Эскит үлүшү Сармат, Массагит үлүштөрүнүн ысымын боюна алып кайра бирээр замандан соң өзү алардын далдасында калгандай акырындап Гун үлүшү бүтүндөй күн тууш түрктөрүнүн ысымын жыйды. Эл аты, урааны акырындап төбөсү көрүнгөн ушу үлүш атында чакырылды, авалкы Угуз, Кыргыз аты көмүскөө, көөнө тартты. Тек өзүнүн тээ түпкү тегин бек тутунган кай бир уруу тайпалар гана байтак мекендин арар жеринде ата арбагын чакырып Керей, Кермэн, Керчи, Кыкыс, Кыргыз ысымдарында чачылып тарап арал калды… Түбүнөн жортуулчул калктын ошо чачыранды сыныктарынын тагдыры кийин ар башка түштү. Бир сыныгы кийин Шибэит, Орманут, Аргуз урууларынын кай бир тарамына аралаш Европа ичине жылжып андагы жайылып жаткан жай калкты уютуп эл курду, аларга өз наамын берип жатып аз уруу ассимиляцияланып кетти. Көчмөн салтын калтырбай кийинкиге дейин падышаларын «Гакан» (Каган) деп аташты. Еврора тарыхы аларды Швед, Норманд, Росс, Кермэн деп жазды. Бир сыныгы оо кийин, кийин Оттаман султанатынын Рум селчоктору, Кермэн селчоктору аталган кубаттуу кош канатынын бирин түзүп алдыңкы Азияны бийледи. Бир сыныгы Кер Көлдү жайлап, Кер тоонун бир өңүрүнөн Памир жотосуна чейинки аймакты чет жоодон сак-сактап тирлик кечирди. Дагы бир сыныгы Алтай жайлап кыргыз ураанын кылымга кайра бир жар салаар чагын самап, күтүнүп жатты. Бирок мунун баары али алдыда эле…

Кергуз ысмы ошо Күн тушунда көчмөн салтына ылайык үстөм үлүш ысмында Кергун деп аталды. Аны кытай жылнаамалары дабышына карай Гэгунь, Гянгун деп жазды. «Кергундун» «Гэгунга» айланышын кытай тилинде «Р» дабышынын жумшарып, жоголуп айтылышы менен түшүндүрүүгө болот. Тоголок Молдо айтат: «Кыргыз канды Кытай Какажкан дейт. Кыргыздарды да какаждар дейт. Себеби: бул ««РЭ» тамга кытайда жок. Ал себептен кыргызды бүгүн дагы Какаж дейт». Ушунун эле өзүн Абулгазы баштаган бир катар түрк тилдүү авторлор да ырастайт. Муну Кытай жылнаамаларындагы эл-жер аттарынын жазылышынан да мисал тартып бышыктаса болот: Түркү – Түкү, Кыргыз – Хягас, Гянгун, Цигу, Килигис ж. б. Теңгир – Дынли, Чүрчүт – Ниючи, Темирчың – Темужчин, Фарси – Пуси, Букар – Пугэ, Шара муран (Сары Үзөн – Хуанхэ) – Шаму, Түргөш – Туңиши, Нарын гоол – Нами, Карлук – Ге-лолу, Уйгур – Хойхой,Лобнор – Лоулана, Сыр Тардууш – Сйеяньто, Фергана – Боханьна, Үргөнч – Юе-гянь, Тохарстан – Тухоло, Сайрам – Цзюбила, Байегу – Бай Аргын (илимий адабияттарда «байырку» деп мүмкүн натуура окулуп жүрөт).

Кийинчерээк Күндөрдөн да оомат ооп үстөмдүк Сянбийлерге өткөн чакта Күн ысымын да күүгүм чалды, ал Гэгунь ысымы Кытай жылнаамаларында үлкөн кыргыздын Ээн Сай, Алтайдагы бир сыныгына карай гана айтылып, жазылып кала берди. Тарыхчылар «Кыргыз» дегенде эле абалы анын бир сыныгы болгон дал ошол Гэгунду гана эске алышып, кыргыздын бар тарыхы ошол бир сыныкка гана телинип, түп мекени бирде Алтай делсе, бирде Тяншань делип, Чубактын кунундай чубалып бүтпөй келген талаштын башы ушул жактан чечилет деп боолгойбуз. «Гунндардын теги түрк, жок монгол» деген талаштын учугу да ошол аркы үлкөн Кыргыз менен Күн, Монгол бирдигинен табылат деп болжойбуз…

Бул муну менен тура турсун, эми өйдөкү сөздү уласак, өзүнө чейинки күчтүү пайдубалга таянган Гун каганаты чыкканда эле асман айчык туу менен, айгайлаган дуу менен чыкты. Эзелки жоосу Чын менен чырдашып, жоолашып чыкты. Чындап чочулаган Чын өлкөсү коргонуу камын кылды. Ийсанын жыл эсебинен мурдагы 221-жылы бүткүл Кытайды бир Цинь падышачылыгынын тегерегине ийирип улуу мамлекет курган император Шихуан мурда ар жери чокуй курулган чоң коргондорду эбегейсиз күч үрөп бир зор сепилге бириктирди,  аерге  үзбөй  аскер кармап  бек  бекинди.  Бирок кубаттуу Гун толкунуна не аскери, не коргону такаат кылып тура албай атактуу Түмөн каган черүүсү милладыдан абалгы 210-жылдарда улуу сепилди жемирип ичкери кирди да Чын өлкөсүн жеңип салык төлөөргө мажбур кылды. Сары Үзөндүн (Хуанхэ)  Түштүк жагына өтүп байыркы чегин кайырды. Түмөн кагандан соң уулу Матай (Модэ) заманында Гун үлүшү мурдагыдан да күч алды. Теңирдин куту Матай атасынан калган Ордо чегин мүлдө кеңитти. Абалы күн чыгышка жүрдү, а кездеги кубаттуу үлүш Дун Хуну (татар) каратты. Кайтып батышка жүрдү, Юэчжини алыс сүрдү. Андан түндүккө жөнөп Хуньуй, Кюеше, Динлин, Цайли, Гэгунь (Ааланча – Байгур тукуму, б. а. эски ордо кыргыздарынын Алтайдагы урпак-салаасы – Ч. Ү.) уруу, үлүштөрүн бой сундурду. Караткан кан-бектеринин жыйылган кашында Ийсанын жыл эсебинен мурдагы 201-жылда Улуу каган болуп жарыяланды. Ошентип ошо кезде жаңы Хань династиясы бийликке келип, күч алып барган Ортолук империясына даражалаш даңк, каруу күттү. Жан жагынан көңүлү тынган каган эми атынын башын ошондо бурду. Оболу кол башчы Мын Тхянь атасы Түмөндөн кайра тартып алган Ордосту (Түп Монголия) кайырды. Андан ичкери жылып төрт жүз миң аттуу аскери менен Улуу Империянын негизин жөөчөн түзгөн үч жүз жыйырма миң аскерин катуу камоолго алды, башына кыйын-кысталыш күн туудурду. Ошондо Кытай канышасы (Яньчжы) өзү арага тыңчы салып апкөй тил менен Матайды жубатты. Каган кан төгүүсүз кайтып кетти. Алымын жаңыртты. Буйрук-жарлыгын жибергенде «асман менен жер тирөөчү, ай менен күндүн ширөөсү улуг теңирдин кутунан» деп айттырчу болду. Башынан амалы күч табгач журту алымга кошуп ордо кыз берди, баш көтөрбөскө сөз берди. Каган уулдуу болсо так, мураскору жээнчер жеңине тартаар, жапайыларды антип амал менен алып тынаарбыз акыры деп тымызын тилек кылды… Ал арада оң канаттын башчысы Билги аскер баштап күн батышка Аму, Сыр – эки суу арасына жүрдү. Юэчжини жана бир кылычтан өткөрдү. Леу-лань, Үйсүн, Хусе баштаган жыйырма алты аймакты ордого кошуп күн батыш чегин бекемдеди. Ошентип үлкөн кыргыз доорунун соң жагында жайыла тарап, арадагы байланышы азая тарткан көчмөн дүйнөнү Матай Каган Күн ордосуна кайра бир ийирди. Зор каганатты башкаруу үчүн ал түгөлдөй байыркы баба салтын колдонду. Элин оң менен сол (Ичкилик-Ордодон тыш) канатка бөлдү. Ар канатка үч үчтөн алты үлүш бирикти, бардыгы жыйырма төрт кесимге бөлүнүп, ар кесими карамагына каруу жарагы шай түмөн аскер күттү, түмөн башы дайындады. Эл куруунун мындай тартиби түгөлү менен качандыр Угуз Кагандын алты уулун үч үчтөн кош канатка ажыратканын, жыйырма төрт уул-небересинин ар бирине эл, жер энчилеп, үлүш бөлгөнүн каңкуулайт. Мындан тышкары Матай баянындагы атасы Түмөн менен каршылашуу, аны жок кылуу окуялары Угуз Кагандын атасы Каракан менен кармашын эске салат. Тек бир айырма Матай чабыты Угуз Каган чабытына караганда, албетте, чектелүү аймакты камтыйт, күн батыш чеги Каспийге тирелип бүтөт, б. а. байыркы күн батыш түрктөрү – Эскиттерге чектеш аймакка гана жайылат. Аал, «Угуз Кагандын» Стамбул кол жазмасында жогорку айтылган аймактардан тыш окуя Иран, Индия, Ирак, Шам, Мисир, Урум; Фракияга чейинки зор орундарды камтып көк бөрү менен өгүздү сыймык тутунган түбү бир элдин эзелки жалпы тарыхына кетээрин сөз башында айткан элек. Жанатан Үгүз, Угуз, Матай жайында жайылган кепти жыя айтканда мындай; байыркы Өгүз Каган баяны өтө көөнө тартып кеткен кездери анын боюна жаңы окуя Угуз, анан Матай тарыхы кан жүгүртүп кайра бир жашартып, калк жадында көөнө соңгу тарых кабатталып-жуурулуп өгүз Кагандын ушу бизге жеткен түрпүндө калыптанышын шарттаса керек. Сөз башында Матай окуясы Өгүз Каган баянына бап кыналган эң соңку, чечүүчү катмары болсо керек дегенибиздин жөнү ушул. Ал эми кай бир изилдөөчүлөр белгилешкен кийинки аты чуулуу Атыла кандын күн батышка жортуулу, кыпчактардын орустарга каршы жүрүштөрү, Урус кан деп болжонгон Киев князы Святополк, Угуз Каган делген Чыңгысхан, Чүрчүт Каган делген кол башчы Утубулар – мунун баары тарых ачык билген дайындуу соңку окуялар жана алар байыркы өгүз баяны үчүн мезгили жагынан кыйла эле тайыздык кылат.

Үгүз хан тарыхына капталган соңку катмар – Матай окуясы менен сөз бүтпөйт, мүмкүн кызыйт. Анткени ал жанараак учугу чыккан кепти – Түрк, Гун, Кыргыздын мурдагы бирдиги тууралуу ойду улоого чакырат. Бул кайсы бирдик? Кезинде Борбор Азиянын гана тагдырында эмес, кийинчерээк кудуреттүү улуу Рим империясын, улам күчөп барган Гот империясын талкалап, бүткүл Европа маңында тарыхтын өнүгүшүн өңгө нукка салган жааңгер Гун эли ким?

Санжырага келсек бая айткандай Ааланча кандын эки уулу болду, биринин аты Татар, биринин аты Магул эле, Экөөнө эки үлүш эл калып ал Татар, Магул аталды. Магулдун өз аты «Мунглы» (муңдуу) эле. Бирок кийинчерээк бардык жерде бузулуп айтылып, бузулуп жазылды. Жадегенде эл, жер аттарын абдан так, ишенимдүү чечмелеген Абулгазынын 1824-жылы Казандан немисче баш сөз менен жабдууланып жарык көргөн «Түрк санжырасында» да «Магул» деп ката басылган. Рашид ад Динде да «Магул», Стамбул кол жазмасында «Мовал», орустун тарыхый адабияттарында «Муңгал», «Монгол» делет. Мага кез келген китептердин ичинен жалгыз гана Абулгазынын французча  котормосунан орусчага оодарылып, Санкт-Петербургдан 1768-жылы жарык көргөн «Түрк санжырасында» гана «Мунглы – опечалься» деген туура жазылышын көрдүм. Буга атайылап токтоло өткөнүмдүн жөнү, биринчиден, бул ысымдын этимологиясы күнү бүгүн миң кол, миң көл, монг-хоол, ж.б. болуп ар түрдүү чечмеленип, булактарда да түрдүүчө: Могул, Могол, Магул, Монгол болуп жазылып келет. Экинчиден, элдин өз ысымын эмнеден чыгарышы, кай тилде айтылып жаткандыгын билүү ошо элдин тарыхын, тагдырын түшүнүүдө кыйла эле роль ойнойт… Ошентип Магул ысымы Абулгазы боюнча түрк тилиндеги «Муң кул», «Муңдуу» деген сөздөн жасалды, «Муңдуу» аталышына Рашид ад Диндин Стамбулдагы кол жазмасы тагыраак жооп айтат. Каракан жамааты жеңилген соң Угуз аларды өз элинен, б. а. уйгурлардан бөлүп бир жамаат кылып алыскы талааларга, Тогло дарыясынын жээгине жер оодарды. Мурдагы шүгүттүү чагын эңсеп унута албаган эл муңга алдырды. Бул тек уламыш эместигин, Бичурин Азиялыктардын тарыхы менен Кытай жылнаамаларын салыштыра отуруп Маңгул, Татар үлүшүн Кытайлар Хунну жана Дунху деп жазышканын далилдүү айткан. Ал эми Хунну ысымдын теги тууралуу: «Хунну – монголдун эзелки элдик аты. Кытайлар бу ысымды өз тилинин күүсүнө салганда эки тамганы колдонушкан. Хун – ачуулуу, Ну – эриксиз, кул. Бирок монгол тилиндеги Хунну сөзү энчилүу ысым, демек кытай белгилери мында эч канча мааниге ээ эмес», – деп жазат. Жеке баамымда Бичуриндин ушул жалкы сүйлөмүндө далай тарыхчыны чаташтырып «башын жуткан каргыштуу суроонун» катылышы да, чечилиши да сыйкырлуу ирим (заколдованный круг) болуп тил оозсуз ийрилип жаткандай туюлат. Куйрук улаш куушкан ушу айлампа жолунда бир чындык экинчисин төгүндөп, ал кайра өзүнүн каршысына өтүп жообу суроого айланган шекилди. Элдин энчилүү түп аты кайсы? Күнбү, Хуннубу? – Эгер көнүмүш тургудан туруп Күн атын таанысак монголдугун танабыз, элдин монголдугун моюндасак энчилүү түп ысмы «Хунну» экенин (ал тек кытай йероглифтеринин окулушу) танабыз. «Хунну» түрүн кабылдасак ал кайра түп элдин өз тилинде түк эчтемке түшүндүрбөй чыгат… Ушундай бир айлампа. Маселе атында эле эмес, затында да; Хунндардын теги түрк, жок монгол деген түтөгөн талаш да ушунда. Эми ушунун баарынын жандырмагы да кайрылып эле өзүндө жатат дешибизге эмне себеп? Ооба, Бичурин ушул жалкы сүйлөмүндө гениалдуу нускагандай элдин түп ысмы мында дал өзүнүн ата мурас эне үйрөткөн тилинде («…монголдун эзелки элдик  аты») айтылып жатат. Бирок ал «Хунну» эмес  түркий  «Күн» атоосу («… Хунну сөзү энчилүү ысым».) Ал эми «хунну» ошол түркий элдин кытайча жазылышы, угулушу эмес (!) маанисинин которулуп жазылышы, б. а. злой невольник – Музглы же Муңгул, Маңгул. Бир эле элдин эки башка тилде окшош дабыштуу сөздөр менен айтылышы, бирде бир-биринен ажырымдалбай өтмө катар жуурулуп турушу кийинки изилдөөчүлөрдүн «эки башка», же «бир эле» жөнүндөгү талашына негиз түзгөн.

Жогорку Рашид ад дин, Абулгазы, Бичуриндин бир-бирине бап келген баяндары кыргыздын кылым кезип оозеки жеткен кабарында андан аркы логикалык уландысына ээ болуп турганы да кызык. Эмесе сакадай бою сары алтын, санжыргалуу Байымбет сайрап айткан дайын кептин да бири мындай: «Калың татар, казак-кыргыз, каңгун калмактар бүтүн түрктүн балдары Казан Көлдөн тартып Алтай, Тяншань тоолорун бүтүн ээлеп турган…» «Ал кезде калмак, түрк атагын бузбай аралаш турган. Жыргалдуу Алтайды жердеп турган. Атканы аң, агытканы тайган, салганы бүркүт, куш, чапканы күлүк, мингени жорго болуп эркин жыргап турду. Бул арада бир нече жылдар өттү, Кандык кыргыздын колунда болду. Калмакка кандыкты берген жок. Ошондуктан калмак кыргыз арасына араздык түшүп калмак чегин бөлө баштады. Барыбыз тең тууган болсок, теңдиктүү оокат кылабыз деп чыкты. Ал кезде кыргыздын каны Алпаркан деген киши эле, калмактын башчысы баатыр Дорбун деген киши эле. Дорбун баатыр бул таранчы менен Муктун иретин бөлүп кытай канына арызданып кыргыздан бөлүнүп кетти. Бөлүнгөндөн кийин тынч турбай кыргызга асыла баш тады.

Абайлап баксак ушу кабарда кара калмактын каңгуң аталып Кер гуздарынан бөлүнүп чыккан мерчеми жаткандай. Мук – Мунг (Муң) сөзүнүн Алтай аралындагы каткалаң түрү. Тоголок Молдо: Буруттун тукумдары Алтай, Ээн Сайдан Тяншанга көчкөндө ордунда калган тууганы Бураттын уулу Мук эле, анын калкы Кал Мук, б. а. Калмак аталды дейт. «Калмакка» айкаш айтылган «Каңгуң» маани бая айтылгандай Кергуз, Кергун ысымдардын бузулган Гэгунь, Гянгун формасы болушу мүмкүн. Ким билет, Кер угуздары өзүнө өгөй Каңгуң ысымды

Кытайга ык салып кеткен жамаагатка ыйгарып, ал эми Кытай жылнаамалары абалкы салты боюнча баарын жалпы Гянгун атай келип, кийин калк «бирдигинен суурулуп чыккан жамаатты Гянгундан айырмалап Хунну деп жазгандыр. Муну «Хуннунун» Кытай жылнаамаларындагы жазылыш ырааты да ырастайт. Абалы алар легендарлуу Яо император тушунда (б.д.ч. XXIII к.) Хунь-юй, анан батыш  Чжоу династиясы тушунда (б. д, ч. XI-III к.) Хяньюн, ал эми Цинь династиясы (б. д. ч. II к.) тушунда Хунну деп аталган 1 янгунга үндөш жаңырган Хяньюн да Кытай тилинде өзүнчө эч маани бербейт, ал да Гяньгун сыяктуу эле угулушуна карай жазылган ысым. Демек эки аталыштын теги бир уядан табылышы ыктымал. Бул ойду хуннулар Хяньюн деп аталган тушта түндүктөгү көчмөндөрдүн бирдиктүү, өскүлөң Кара Сук маданиятынын (б. д.ч. XIII-VII кк.) болгондугу да кыйыр ырастайт. Тоголок Молдо санжырасындагы түрк ичинен Кара Калмак-Каңгуңдун бөлүнүп чыккан фактысы Гун доор ооматынан мурдагы Эски ит доорунда түрк урууларынын мүлдө кеңип, ар үлүшү өзүнчө каганат дээрлик каруу-күч күткөн даңаза абалын мүнөздөйт, алардын арадагы соңку татаал алакасынын барагын ачат. Ал татаал алака бүтүндөй Борбор Азияны Чыгыш өңүрүнөн жана бир солкулдатып кыймылга келтирген Гун сапырыгына байланыштуу. Бул орошон кыймылдан эч бир эл, анын ичинде байыркы Кер Көлдү мекен эткен Ордо түрктөрү да четте калбады. Гун чабуулунан качып күн батышка сүрүлгөн Юэчжилер жолундагы элди кошо козгоду, гоэчжилердин кимдер болгону тууралуу али да тарыхчылар арасында такталган бирдиктүү пикир жок. Аалимдердин көбү аларды азыркы тибеттиктердин Цянь деп аталган байыркы  бабалары деп болжошот. Бирок ошо кытай жылнаамасында Цянь аталган наамдын алдында кай этнос, эл бугуп жатат? – ал ары тереңдетилип изилдөөсүз калууда. Кытай тарыхын мыкты билген Бичурин да Да Юэчжини – Үлкөн Юэчжи деп гана которот да, Юэчжи түп элдин Кытайдын өзүнө да белгисиз ысмы, бузулуп жазылган транскрипциясы дейт. Ушуга ынансак, Юэчжинин кай тилде айтылып жатканын териштирүү кумары ойгонот. Санжырага карап баксак кара кытайдын бир канаты чүрчүттөр деп аталганын көрөбүз. Чүрчүт – байыркы кезде түркү тилде «жер чети», «жер чет» аталган аймактын саал бузулган түрү, топоним бара-бара этнонимге өткөндөй ой калтырат.

Чүрчүттөр кытайча Ниючи, Ниючжи деп айтылган. Юэчжи да ушул эле аттын бузулган түрү чыгаар. Чүрчүттөрдүн ысмы жогорку «чет жер» деген түшүнүктөн чыкканына ишендирген дагы бир факт – Кара кытайлар бийлиги Кытай жылнаамаларында дайыма Ляо деп жазылышынан да байкалат, Ляо – кытайча «алыс жер «чет жер» деген маани берээрин – Фазил Туйка менен Кабир Туйка белгилейт. Гундардын козголушунан улам кыймылга келип Күн батышка жылган Кара Кытай – Юэчжилердин ал жактагы сактарды бытыратып тоздурушу, жерин алып өздөрүн ар жакка тербитиши, аймактагы элдин тагдырында эч изсиз өтпөйт эле. Ким билет, Манастай мухит дастандын эң алгач уюткусу дал ошол кезде сак кыргыздарынын (буруттардын) чүрчүт үйлөрүнө туруштук бере албай бирөө Эренге түшүп кеткен, бирөө тереңге түшүп кеткен, бирөө Кырымга кеткен, бирөө Урумга житкен, дагы бирөө Каңгайга каңгып, да бири Алтайга тербиген доорунда уюп башталгандыр. Кийин Манас баатыр экинчи ирет кыргыз туусу алдында эл уютуп, Алтай түркүн атадан калган жери Алай, Анжиян түркүнө баштап келгенге чейин баш-башына кетип, бая кырк уруу Кер гуздарынын эндиреп бытыранды калган доору да ошол күнгө  туш келээр,

…Ал Каракан өлгөндө

Кытайлардан Молто кан

Калайманды баштады, Каяшаяк бергенди Койбой кырып таштады. …Молто менен Алооке

Арага мыктап алыптыр,

Азапка бекем салыптыр, –деп ошо чабылган Кер Көлдүк ордо түрктөрүнүн позициясын чагылдырып алыстан жаңырып калган баяндагы кан ысымдары, Молто канды – Модэ, Алоо канды – Ляо каны деп түшүнсөк, анда ал окуянын да тарыхый доору айкындалып чыга келет…

Жогорку айтылгандар Гундардын жогорулоо дооруна чейинки түрк бирдигиндеги алган ачык айкын ордун ачып түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Түрк, Кыргыз, Гун бирдиги кылым бузган Гун сапырыгынан соң кыйраган жок, жана эскертилгендей эски түрк -урууларынын арадагы татаал алакасын шарттады, кыйла даражада заман, элди жаңыртты, кайрадан кан аралаштырды, туш тарабы жайылган элди улуу каганатка ийирди. Бул кыймылдын зарылдыгы, сыйкы, эски доор менен биздин доордун тогошкон чегинде түштүктө Кытай, Күн түшкү бурчта Иран батышта Урум бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн коркунучтуу бир түрп-түс алып, күн санап жалпы дүйнөлүк өсүүнүн объективдүү тарыхый мыйзам ченеми менен шартталса керек.

Гунндардын түрк, кыргыз менен болгон айкын бирдиги алардын Ийсага чейинки узаакы доорунан эле эмес, Ийсада соңку оомалуу төкмөл тарыхый тагдырынан да ачык байкалат. Эмесе Хуннунун Маңгул экенин моюндай отуруп эми ошого серп салалы.

Ошентип Күн ордосу бир кез аябагандай күчөп, бүт күл көчмөн дүйнөнү өз туусуна бириктирш, Кытайдан алман алган шүгүттуү Түмөн каган, Матай каган заманын баштан кечирип соңунда биздин доордун биринчи кылымынын кырк жетинчи жылында Оң, Сол (түндүк, түштүк) болуп экиге айрылды. Амалы күч табгач журту эки канаттын арасына жик салды. Абалы түштүк Күндү алды, анан түндүк Күндү тоздурду. Жеңилген эл жер ооду, бир чоң бөлүгү Күн батышка жылжып, азыраагы түндүккө – Алтай тоого тербиди. Күн батышка кеткен эл акырындап кайра күчөп төртүнчү кылымдын соң жагында Эдил, Жайык боюнан күн батышты көздөй зор каганат курду. Абалы атактуу Баламбир, Роглан, соңунда аты чуулу Атыла кагандар кол баштап, аяктагы батыш түрктөрүн жемирип, улам кысып чыгышка жыла баштаган ошо кездин кубаттуу империялары Германарх башында турган Готтордун жана дүйнөдө жеңээр күч жок эсептүү улуу Рим империяларынын жолун бууп быт-чыт талкалап, бүткүл Европа маңында тарыхтын өнүгүшүн өңгө нукка бурду. Славян элдеринин тарыхта баш көтөрүшүн шарттады… Жааңгер Күн элинин ысмын күн батыш тереңинен күндөй күркүрөтүп жана бир кубаттуу жар салды. Атыланын өлүмү менен кошо таралып кеткен каганаттын Туна (Дунай) менен Туурла (Днестр) суу аралыгындагы кесими кийинкиге чейин эзелки атын сактап Күнү бар (!) Гуннивар ысмында жашады. Ал эми Алтай тоого тербиген Күндөрдүн азыраак бөлүгү болсо Ашына уруусу атында жүрүп кийин жетилди. Туура төрт жүз алтымыш жылдан соң бийликтеги Жан-Жуң ордосун кулатып Туман хандын (Орхон-Энесай эстеликтеринде Бумын) кол башчылыгы астында көк асаба туу менен, көк жарган Түрк дуу менен түп ураанын чакырып чыкты, Күн эли Борбор Азияда тарыхта «Байыркы түрк», «Байыркы Түрк – Өгүз каганаттары деп аталган күү-шаа ысым алдында кайрадан бир баш көтөрдү… Арийне, төрт жарым кылым аралык бошко өтпөдү. Качандыр Күн ооматы жүрүп турганда бий даражасындагы Саян (Саян бий – Сянби) бул арада кан даражасын алып Саян кан (Чаянкан) атыгып чыкты. Бүтүндөй Ортолук Азия көчмөндөрүнө амирин таратып күркүрөп өскөн чагында кеңейген Ордо эки айрылды. Бөйөн кан (Муюн) менен Төбөй кан (Тоба) ордолору өкүмүн жүргүздү. Кезинде Төбөй ордосу күч алып Кытайга дейре бийлигин жайылтып Вэй династиясы наамында жүз жетимиш эки жыл Кытайды бийледи. Азияда аты таш жарган ушу ысымдардын жанында оо бир кез өмүр жазы келип күргүштөп үйөр жүргүзгөн Күн ысымы эми көмүскө тартып айтылыштан калды, күүгүм чалды. Тек толкуган көчмөн дүйнөнүн ак жол толкунунан кез-кез гана күн сыныгындай жылт-жүлт этип чачырап көрүнүп калган чагы бар…

Жогорку жазма тарых дареги көчмөндөрдүн өз санжырасында мындайча бекемдөө табат. Магул Татар чабышында Татар ханы Сүйүнчү хан коңшу Карга кандын жардамына сүйөнүп Магул Эл ханды аёосуз чапты, элине кыргын салды. Түндүгү түшкөн  журтта Магул тукумунан Кыйан жана  Нөкүз деген эки бир тууган эсен калды. Үй-бүлөсү менен Алтай тоого качып Эргене кун (Жарга кон-Ч.Ү.) жайлады. Ошол эл жетпес куюкта көбөйүп өсүп, акыры төрт жүз элүү жылдан соң (Кытай-тарыхына кыттай дал түшкөн ушу Абулгазы эсебине Бичурин да тан берет!) кайрадан эски журтуна келип татар ханын талкалап бийликти алганы айтылат. Кыйандай кирген ошол эл Кыйат аталды, эл баштаган Элдуз эр бүткүл Магул элине кан болду. Нөгүз эли эки канатка айрылып Нөкүстөр (кара калпак – Ч.Ү.) жана Дүрүлгөн (түрүлгөн) деп аталды. Абай салсак Хондемир тарыхындагы Кыйат Элдуз – кытай тарыхындагы туулгалуу Туман каганга туш келет. Ушундан улам мүмкүн Элдуз кийин Эл хан атанган Тумандын «Эл түзөөр» деген ылакап ысмы болбосун деген да күнөм ой туулат. Эл ичинде күнү кечээ эле жашаган мартабалуу «Эл түзөөр» деген түшүнүк ошол күндөн башталаар. Дагы кызыгы Кытай тарыхындагы Алтай тербиген Ашына хундарынын да (же жөн эле Аз, Аш), Абулгазы, Рашид ад дин, хондемир санжырасындагы Магул Кыйаттын да баяны биригип кыргыз, түрк деген түшүнүк менен кыйма-чийме кесилишкен жайы бар. Айбашы Асан атанын Казандан жарык көргөн «Түрк уруулары» деген китебинде кыргыз уруктары катары Кыйандар, Какастар, Кыргыз-Кемжуттар саналат. Мурунку Угуз-Түрк кагандарынын насилинен таралган бир түрк салаасы Кыят аталып кытай ичинде Шамуда (Сары-Өзөн) маңгулдарды бийлеп келди деп татар тарыхчысы Ахмедзаки Валиди «Түрк, татар тарыхы», Казан, 1915-ж.) «Ким билет» уламыштагы Ак калпак жана Каракалпак деп кийин айрылышкан эки бир туугандын өзү да ушул Кыйат менен Нөкүз чыгаар. Бартольддун белгилүү «Кыргыздар» очеркинде мындай бир «кымырынган» кызык маалымат бар: «…Кээ бир башка булактарда кыргыздардан чыгыш тарапта кун жана кай элдери жашаган, анын үстүнө кун деген сөздүн ордуна кури деп окулушу жолугат. Булар жанагы эле фурилер болушу мүмкүн (анткени араб алфавитинде «к» жана «ф» тамгалары окшош келет), Кытай булактары менен салыштырып келгенде Кури деп окууга туура келет. Таң шуда жана Орхон жазууларында Байкалда жашаган Курыкан деген эл жөнүндө маалымат бар. Андан кечирээк жазылган кытай чыгармасында (Юаньши, монголдордун тарыхы) Ангарага жакын жерде кули эли жашаган. Ошол эле эл XIV кылымдын башында жазган перси тарыхчысы Рашид ад Диндин жазганында Байкалдын жанында Кури деген ат менен жашагандыгы айтылган. Кури эли өзүнүн чыгыштагы коңшусу кай эли тарабынан кол салууга дуушар болгондугу, ошондуктан башка элдерди кысып чыгарып, батышты көздөй жылган деген маалымат XIII кылымдын башындагы автор Ауфиде бар. Бул элдердин арасында кыргыздар эске алынбайт…» Менимче ушул сүйлөм автордун эркинен сырт түгөл бойдон дал кыргыз дайнын саймедиреп сайрап турат. Сөз мында алтайлык кыргыздардын тайпа – уруулары: кай, кыйан – кайат же кыйат, кури – курукан, б. а. коргон, ордолуктар, Кули – кытайча бузулуп жазылган жогорку эле Кури, Кун – Күн, фури – бури же бөрү ит тукумдары бурит, буруттар (бир чачырандысы бүгүнкү кытайдагы Фу Юй кыргыздары) жөнүндө, алардын өз ара мамилеси жайында жүрүп жаткансыйт. «Тууларынын учтарына бөрүнүн башы чегилген. Жан-жөкөрлөрүн фули (буре) деп аташат, бул монгол тилиндегидей эле бөрүнү түшүндүрүп, алардын өз тегин бөрүдөн деп билээрин нускайт» – деп жазат Бичурин буруттар жөнүндө Таң шудан алган мисалында. Дал ушул буруттар коргогон байыркы Түрк Ордосун тарых майданына баштап чыккан Туман каган кыргыз санжырасында Гун каганы Туманга айкаш жаңырып бирде Туман, бирде Түбөй делип Манастын атактуу бабасы катары эскерилет. Дал ушул Туман каган Магул кандын насилинен кан болуп мамлекетине Илханиа атак берген Эл хандын атын жаңыртып кайрадан өзүнө Эл хан деген ылакап ысым кыйды. Бир баамда Манас ысымынын өзүндө да Аз, Аш түрктөрүнүн айтылышы бугуп жаткандай. (Чыны бул Аздардын кыргыздарга канчалык тиешеси барын дагы айкын сезүү максатындагы салыштыруу, Манас ысымы – акыл бойлогус касиет, аны тек жүрөк түпкүрүнөн сезип-туюу лаазымдыр…) Мар – кыргызча улуу же ажыдаар. Ман кытайча ажыдаар (баягы эле «Р» дабышынын түшүп калышы), жөн эле ажыдаар эмес миф ажыдаары, жердин тең салмагын шарттаган Инь, Янь аталган эки күчтүн символу. Аз ажыдаары демеги – улуу Манастын бир сыпаты. Ушунун баарына кошумча Тоголок Молдо санжырасындагы Кыргыз хан менен Абулгазынын «Санжыра түркүндөгү» Күн хандын санаты боюнча Угуздан соңку тогузунчу хан болуп айтылышы, ал турсун атасынан соң эл жайып, улуу той куруп калың журтуна ырасым тараткан окуяларынан өйдө окшоштугу, а балким эки ысым алдында бир эле инсан жашынып жатпасын, ал Кергуздарынын ханы Күн хан болбосун деген да бир күнөм ой чакырат. Ким билет, ата ураанын чакырган Күн уулдары кийин-кийин көчмөн дүйнөнүн бир өңүрүн чоюп тарых майданына Күн ордосун баштап чыккандыр. Аабалкы көчмөндөрдү кыйла жакшы билген алакалаш кытай журту (баса кай бир императорлору түрк насилдүү да болушкан) Ааланча тукумунан (Үлкөн Кыргыз) соң бийликке келген Маңгул хандын тукумдарынын тушунда түп ысмы Муңдууну Хунну деп айтып, кийин ал ошол эле үлүштүн боюнан суурулуп чыккан Күн Ордосунун ысмы менен жуурулуша чыгып, бара-бара эки ысым чулу тартса керектир. Жанаарак окшош дабыштуу сөздөр кийинки изилдөөчүлөрдү чаташууга апкелген дешибизге ушу себеп.

Ошентип жогорудагы кыргыз, мусулман, кытай санжыра жылнаама маалыматтары хундардын эл аты маңгул иретинде да, энчилүү «Күн» ат иретинде да түрк, кыргыз бирдигине келип тирейт, бир эле түптүү көөнө эл тереңинен тебилген ар башка үлүш – ордо толкунунда ар түрдүү ысым алдында айтылып түрмөктүү көч-көч жашоодо түрүлүп тирлик улай келгенин нускайт. Эми удулу келгенде айтылаар да бир кеп: ошо эски түрк маңгулдары менен биздин доордун экинчи миң жылдыгында монгол деген жалпы ысым менен чыккан элдин этникалык жактан толук төп эместиги, кийинкисинин жан-тенинде Уйгур каганаты кыйрап, байыркы Кара-Корум ордону калтырып, күн батышка эндирей көчкөн чагында ээнсиреген аймакка алыскы Амурдан агылып түшкөн жаңы көч – татар үлүшүнүн эң соңгу күчтүү тайпасы Кара кытайлардын, андан соң аны да батышка сүргөн доңуз уруусу манжуулардын абыдан нык жуурулушу тууралуу маселе. Тээ түп учу бир түйүлсө да кеминде Ийсанын жыл санагынан эки миң беш жылдар чамасы мурда эле тили, салт-санаасы кыйла ажырай баштап дүңүнөн доңуз атыккан манжуу калк коңшу кытай менен узакка чабышып да, табышып жүрүп кыйла кытай чалымдашкан чагы эле. Ошол эки толкун – жаңы көч журтта калган эски түрк маңгулдары менен этникалык жактан жана бир кайнашты. Өзү аңганактай болсо да артыкча жоокер манжуу эл биринчи миң жылдыктын соңунда кайра күчөп чоң Кытайды өксүтүп, кечээ эле күрүлдөгөн Кара кытай хандыгын батышка сүрүп өрттөй жанган чагы эле. Дал ошол IX кылымдын соңунан тарта түзүлгөн тарыхый кырдаал б. а. Кара кытай, Манжуу, эски түрк Маңгулдарынын үч кылымга созулган согуштук, маданий, этникалык татаал алакасы элди да жаңыртты, ал эми Чыңгыс хан доору соңгу жалпылыгын шарттады. Онон менен Кер Үлөң жерди жердеген тайы тайчы (Күн доорунда танжуу – шаңыя) Темирчың улуу Жеңгис каган болуп жарыяланган күнүндө уламалуу баба салтын улап байыркы Өгүз каган, Угуз каган, Күн Матай каган жолуна тооп эте кол алдындагы уруу-тайпаларына кайра бир жолу ураан, куш, жыгач, тамга энчиледи, үлүш бөлдү. Кайрадан бир тээ түпкү Маңгул туусун көтөрүп, курама журт үчүн бирдей алымдуу, кош тизгиндей жарыш кеткен жалпы маңгул-татар ураанын таштады…

Элди уютуудагы көчмөндөрдүн эзелки күчтүү куралы – урааны жайында анан уйгурлар тууралуу сөз жүргөндө айтылаар, азырынча түп маңгул менен түрк жалпылыгы тууралуу көңүлгө төтөгөн кыска тыянак бу мезгил чубатыштан өткөн улуу каганаттардын добулбас доошун, түптөн түрүлгөн ураандарынын айбатын эшите отурсаң, сүрүндө самсыган канча бир замандардын өңү өчөт. Калк арасына жик салган канча бир диндин, арада байланышы алыстап чалгай тарткан тилдин, ар элден тарап чөккөн ар кыл маданий катмардын айрымы кунсуздалат, бир ыйманга чакырган баарынан бийик, баарынан ыйык төбөдөгү Көк Теңирдин күңгүрүнө сиңип эрийт. Ал жалпылык артыкча: арасы бүгүн канча алыстай көрүнбөсүн узаакы жолдо чалынган чалгай тилине карабай, кабылган бутчул динине карабай байыркы Үгүз, Кергуз, Күн доорунда уюган бай кыртышын этнографиясында, салт-санаасында, өң-кыяпатында, фольклорунда, турмуш көйүндө, кыскасы зилинде ушунча мол сактап калышкан азыркы Маңгул, Кыргыз жалпылыгынан да артыкча байкалат. Орто кылымдагы Могол сүрөтчүсү тарткан миниатюрадан өңкөй ак калпакчан Даркан, Билгилеринин кыркаарында көк дөбөдөй бөлүнүп олтурган ак калпакчан Жеңгис кандын кыяпатын көргөн сайын, анын бешинчи муунунда Иран журтун башкарган Аргын уулу Казан кандын амири менен жазылган Рашид ад Диндин атактуу «Жамаагат тарыхынан» Түрк – Магул деген туташ чулу ысымга тушуккан сайын, ар бир жолу ушу ойлор эрктен тыш келе берет, келе берет, келе берет…

* * *

Ошентип Өгүз кагандын доору, теги тууралуу жалпы айттык. Эми илимде «Үгүз намэ» аталып жүргөн уйгурча варианты тууралуу сөз кылуунун зарылдыгы бар. Анткени көөнө уйгур ариби менен катка түшкөн бул эстелик көп учурда бүгүнкү уйгур элинин гана маданий мурасы катары бааланып калган учуру бар. Ырас эле ушунчалык узак тарыхы бар түрк тилдүү элдердин эң көөнө мурасы бир гана элдин энчисине тиешелүүбү? Дегеле бүгүнкү уйгур эли менен эзелки, ал турсун биздин замандын биринчи миң жылдыгындагы тарых майданында активдүү көрүнгөн уйгурлардын арасындагы жалпылык канча? Ушуга байланыштуу уйгурлардын узак тарыхы, ошол уйгур арбинде катка түшкөн варианттын тили, стили, кала берсе камтыган мазмуну эмнени нускайт?.. Ушу өңдүү суроолордун башын ачуу үчүн кайрадан тарыхка кайрыла кетүүгө туура келет.

Жогорто тарыхта бир эле этнонимдин бирде уруу – тайпа аты иретинде тар, бирде шүгүтү күчөгөн кезинде саясы акимчилик иретинде кеңейген мааниде кезигээрин көрдүк. Башына кандай күн туубасын, ошо ташы өргө зымыраган ташкындуу чагында да, жылдызы сынып муңайган саатында да ата осуятын, салт санжырасын баарынан ыйык туткан көчмөндөр ата ураанын өчүрбөй сактап, дамамат көкүрөк уясында алдейлеп алып жүргөн. Буга алардьш тээ алмустактан бери карай кардыкпаган үн менен, сүрдүкпөгөн тил менен санжалтап сактап келген саналуу урааны күбө. Урааны – зили, бүгүнкү кеңсе тил менен айтканда эл дүйнөсүнүн бүтүндөй квинт-эссенциясы. Ошондуктан да «Урааның ким, дайның ким? – деп сурашкан көчмөндөр. «Абалы урааныңы айт, баш-териңи анан байкайын»– дешкен күнү кечээ кыргыздар. Бир гана сөздөн бет алдындагы бейтааныштын тамырын  таамай кармашкан. Бир ураандан мүлдө каганаттын мелжеген мүдөө чегин туйган. Ордо – каганаттын күчү да анын көтөргөн ураанында болгон. Урааны канчалык эски, эзелки болсо жалпы элге алгылыктуу болсо, ошончолук кең жазыкта кубаттуу жаңырып, туу түбүнө жыйылган үлүш, уруу тайпалар көп болгон. Кечээ эле дымыган мел-мел мейкин бүгүн сан аргымак туягында кызып, түрүлгөн улуу кошуун байтак кыйырда жаңы ордо, жаңы каганаттын ураанын жардаган. Ошо түпкүлүктүү ураандарынын Ийсанын жыл эсебине чейинкилери болжолу бу: Түрк – Үгүз, Ааланча. Татар. Каракан (Маңгул үлүшүн Татардан эң алгач бөлүп чыккан хан) Угуз – Уйгур. Кыргыз (Кер гуз мезгили). Мангул – Күн (Гун мезгили/ Ийсанын жыл санагынан кийинкилери; Маңгул – Кук Гун мезгили). Татар – Чаян, Бөйөн, Төбөй. Жаң жуң. Түрк – Өгүз  (Түрк мезгили) Уйгур. Кыргыз (Энесай мезгили). Каракан (Каракандар мезгили). Маңгул-Татар (Чыңгыс каган мезгили). Бир ураанды экинчи ураандын жоюшу, каганатты каганат алмаштырган себеп-жүйөлөр өтө ар кыл, ички-сырткы эсепсиз окуялардын эбине, көчмөн коомдун өзүнүн ички өнүгүү мыйзамына, жамаатташ кубаттуу мамлекеттердин тарыхына байланышкан терең изилдөөлөрдү талап кылган маселе. Дегеле Азия уюлунда кайнаган кыймыл, Батыш, Чыгышка жаадай керилген көчмөндүү коом өзүнүн философиялык кайра бир терең аңдалышын күтүп жаткансыйт.

Жогорто көрүнгөндөй ар бир ураандын кайрадан бир жаңырып жылдызы жанган чагы бар. Ошонун бири – Уйгур урааны. Санжырада Угуз атасы Караканга каршы чыкканда өзүнө келип кошулган ар түрлүү жамагатка «уйгур» деп ат берди делет. «Тарых хамсэнин» автору Курбангали Халидов: Угуз кийин элин экиге бөлдү, балк – калаа салып уюшуп отурганы «Уйгур» атанды, кыйыр кезген көчмөндөрү «Магул» атында калды дейт. Уйгур ордосу түбү Хуннудан чыккан деп Таңшу кабары муну ырастайт. Демек Уйгур жердиги ар уруудан курулган бирдик, ал эми абалкы каганы Угуз. Албетте бир ысымга (уйгур) бириккенден соңгу узаакы жылдары ал территориялык жагынан өзүнчө уюшту, этникалык жагы да бир түрдүүлөндү. Абулгазы боюнча Кут тоо аймагында аккан он өгүз (өзөн), тогуз өгүз бойлорун жайлап ошого тең он уйгур, тогуз уйгур деп эки канатка бөлүндү. Тарыхтын тар жол, тайгак ашууларында (башка уруу – тайпалар сыяктуу эле Уйгур ысымы да бирде ачык, бирде күңүрт тартты. Бирде башка үлүштөрдүн башын коштуруп шаңшып чабыт керсе, бирде бирөөнүн канатына өзү ыкты. Шүгүтү күчөгөн замандарда башчылыгын сактап мааниси кеңиди. Курамында жамааташ түрк уруулары, анын ичинде кыргыз да болду. Демек уйгур деген аттын, ураандын, мөөрдүн бой жасат, турган туруму дайыма эле бир кылка болбоду. Демек уйгур тарыхы, уйгур маданияты, уйгур жазуусу деген түшүнүктүн өзү эле салыштырмалуу, анын абалкы маанисин айтпай ак койгон күндө да, биринчи миң жылдыктагы мааниси менен азыркы маанисинин арасында тактоону талап кылган кыйла маселе быкпырдай быгып жатат. Биздин замандын биринчи миң жылдыгында. б. а. уйгурлар тарых майданында активдүү көрүнгөн кездери эки түрлүү тирлик кылганы жылнаамаларда эскерилет. Бири теги башка коңшу элдер менен болгон тыкыз алакадан улам акырындап жашоо көйүндө өзгөрүүлөр жүрүп отуруп мүнөз күттү. Балк салды. Жаңы илим-билимге кол сермеди. Бири байыркы баба салтын бек тутуп көчмөндүү өмүр сүрдү, көөнө расмийин аздектеп ала жүрдү. Курама темир курч чыккан сыңары ошо эки маданият бир элдин боюнда кайнап, бирин-бири жерип да, бирин-бири байытып да, жуурулушуп бир синтезге эртелеп өтө баштады. Ийсанын жыл санагынан кийинки 745-жылы хан Пэйло чыгыш Түрк каганатынын акыркы каганы Баймайды өлтүрүп ордону ээлеп, аны Кара Балксагун атап байтакты этип Уйгур каганатын түзгөн соң ошол тенденция дагы да күч алды. Байкөлдүн батышы, Саян, Алтай, Көгмөн тоолорун жайлаган Кыргыз үлүшүн чаап, Кытай аскери жеңе албай келген Көгүрлөрдү (түндүк Корея) талкалап Тан ордосуна (Тан династиясы) каратып берген жааңгер чактысы ошол. Балк – калаа салып, алыс жуукка соода жүгүртүп, жаңы илим-билимге кол сермеп коңшу Кытай, Будда маданиятына чындап үңүлгөн, өз жазуусун (көөнө уйгур) түзүп түрлүү санат калтырган билимдер чактысы да ошол. Кийин Алтайлык кыргыздардан талкаланып Оркун боюнан күн батышка ооп келгенден соң акырындап будда эле эмес ислам дүйнөсү менен тыкыз алышынуу уйгурлардын бир бөлүгүнүн биротоло отурук мүнөз күтүшүнө, көчмөн салт-санаасын эрте унутушуна апкелди, ал калаа турмушун кабылдабаган көчмөн бөлүгү кыр элине оошту. Буга кошумча отурук уйгурлар индо – иран, согди элементи менен көбүрөөк аралашып, өзүндөй отурук таранчы түрки эли менен узак мезгил кайнашып береги XX кылымда бары дүңүнөн байыркы элдин наамында Уйгур аталып кетти. Ушуга улай да бир факты, кашкарлык Махмуддун атактуу «Түркү Лугатында» уйгурдун теги жөнүндөгү уламыштын түркий нукта – түп баба Үгүзгө байланыштуу эмес, перси нукта – Искендер Зулкарнайыдын баш коштурган Беш-балык (беш калаа) овлайатанын аты ирети айтылышынын өзүндө да кийинки отурук элдин көз карашы көбүрөөк чагылдырылып тургансыйт. Демек «Үгүз каган» дастанын сактап келгендер да алар эмес, байыркы баба салтын күндөлүк тирлигинде мыйзам тутуп жашаган көчмөн бөлүгү экендиги астейдил айкындалып чыгат…

Эми, Уйгур ариби менен жазылган тексттерге келсек алардын мазмуну өтө ар кыл; иш кагаздары, санжыралар, көркөм адабий мурас, будда, манихей тексттери, ага арналган трактаттар. Байыркы түрк жазуусу сыяктуу эле түрк элинин түрдүү урууларына алымдуу жазуу. Диалектилик өзгөчөлүктөрүн эске алып билги түзүлгөн, ар уруусу өз бетинче окууга ылайыкталган акылман жазуу. Демек, уйгур жазуусу гүлдөп турган чакта жалгыз уйгур эмес, жамы түрк мурасы ошо арипте катка түшөөрү мыйзам ченемдүү эле. Экинчиден, кийин ислам менен бирге XI кылымдан тарта «ыйык» саналган араб жазуусу (а демек тили, дили) интенсивдүү кире баштаган чакта уйгур арибинде жазуу дегендик мүлдө улуттук сыймык, патриотизм эсептүү болушу толук мүмкүн эле. Бекеринен ошо чакта Баласагындык Жусуп баба өз дастанын «каган тилинде (б. а. түркү тили, жазуусунда) бүтүрдүм» дебегендир. (О кийин Жаадай кан да ошо салтты улап, аксөөк чөйрөсүнө, аалимдер дүйнөсүнө араб, парсы тилинин оп тартылып киришинен бир опурталды көрүп, ага каршы калктын өз маданиятын тосмо коюп, түркү тилде ордо бүтүмүн бүтөп, буйрук жарлыгын чыгарып, акча согуп, Сарай адабиятына кең жол ачып тил кадырын зор мамлекетинин даражасына көтөргөн соң акырындап «каган тили» деген түшүнүк «Жаадай тили» дегенге орун берген). Ырас эле уйгур жазуусунун түрк журтуна аздан жайыла тарап орток жазууга айланууга үлгүргөнүн тарыхый фактылар бекемдейт. Маселен ал жазуу Чыңгысхан дооруна чейинки көчмөндөрдүн күчтүү жамааты Жалайар, Найман, Керей кандыктарында кеңири колдонулган. Чыңгызхан өзү уулдары ордодо уйгур аалимдерин кармап буйрук-жарлыгын, эсеп-кысабын ошо арипте жүргүзүшкөн. Аксак Темирдин ордосунда да колдонулгандыгы маалым. Тек XI кылымдан тарта ислам менен бирге интенсивдүү кирген араб жазуусу уйгур арибинин көчмөндөрдүн кең кыйырында терең тамырлап көктөп кетишине жолтоо болгон.

Ошентип жогорку эки чоң себеп: биринчиси байыркы уйгурлардын биздин доордун биринчи миң жылдыгына башка тектеш элдер менен өтө тыкыз алакада, көп учурда бир ураан – асаба алдында жүргөн тарыхый тагдырлаштыгы, экинчиден «Уйгур жазуусу» деген түшүнүктүн шарттуулугу (тексттердин көбү Турпандан табылган) ал арип менен катка түшкөн көөнө эстеликтердин ээси бир гана калк – бүгүнкү уйгурлар эместигин тастыктайт. Ал эми «Үгүз каган» түп тарыхтан түрүлүп жеткен баян ирети тектеш жамаагаттын баарына тең орток мурас экендигин нускайт. Эми ошол бай мурастын бой-жасаты, каны-жаны кай мураагердин жан жүйөсүндө, жашоо көйүндө бүгүн көбүрөөк жаңырыктап турат деген маселе башка кеп… Буга бүгүнкү түрк, монгол элдеринин мүлдө тарых, салтсанаасын, руханий маданиятын терең жумгактуу изилдөөлөр менен жооп берүү керек. Ал, азыркы кыргыз элинин жалпы эле «Үгүз каган» эпосуна, санжырасына тиешеси канчалык деген маселеде жеке пикирибиз мындай.

Абалы «Үгүз каган» баяны байыркы көчмөн доордо көз жарганын, ал эми бүгүнкү түрк тилдүү элдердин ичинде кыргыз, казак сыяктуу сейрек калктар жана монголдор гана байыркы көчмөн доор маданиятын соңгу не будда, не ислам маданиятына чым бастырбай таза да, мол да сактап келишкенин белгилөө парыз.

Экинчиден: Искит, Угуз доорунун жалпылыгында жаралган, Ийсанын жыл эсебинен канча мурун калыптанган «Искит айбанат стилинин» чачырап жайылган бардык эле жеринде андан ары чайлап көктөп кетпегени, анын акыр аягына чейинки ырааттуу өнүгүшү, б. а. «Пазырык» баскычын басып өтүп бүгүнкү шырдак, ала кийиз өңдүү бүт тегизи ырдаган (!) бүткөн керемет формасына келиши, көркөм системага айланышы да саналуу гана элдин журтунда ишке ашканы ошол бай маданияттын түп мекенин, түндүк ээсин нускаган өтө олуттуу факт.

Үчүнчүдөн: «Үгүз кагандагы» тартип: Көк Теңирге табынуу, Умай энени, Көк бөрүнү тутунуу өңдүү өтө байыркы белгилер да кыргыз элинде сакталган. Элди оң солго бөлүп башкаруу, ар урууга тамга, ураан, жыгач, куш, өнгөн энчилеп журт бөлүү салты акыркы жолу азыркы жергесинде, Манас атадан соң байыркы «Кыргыз» асабаурааны алдында үчүнчү ирет эл уюткан урпактары Долон бийдин Ак уул, Куу уулдарынын тушунда ишке ашкан. Эл мыктылары кечээ эле боз кыроо маалында жайлоодон түшкөн элин жыйып айлына үлүш тараткан. Азыр да нарк билген аталар «көзүмдүн барында» деп балдарына энчи бөлөт, жакшылык-жамандыкта экиден кем эмес кара мал союлуп (он экиден жыйырма төрт мүчө) ирети менен устукан тартылат. Бул да жыйырма төрт уул-небересинин ар кимине даражасына ылайык устукан бөлгөн байыркы Өгүз салтын нускайт. Изилдөөчүлөр «тоок илди» деп түшүнгөн жамбы атуу да биздин кылымдын башына чейин эле аштойдун бир шаанилүү көркү болгон. Абулгазы баянында агасына иниси ат байлоор болоору айтылат. Бул түшүнүк «агасына карындашы ат байлоор» делип азыраак өзгөрүү менен алиге элибизде айтылып келет.

Төртүнчүдөн: эпостун текстине келсек да не тилин, не стилин албайлы, бүгүнкү кыргыз тили менен толуп жаткан далма-дал келүүчүлүккө кез болобуз. Стили жорго сөз менен жөө сөздүн куюлушкан жигинде тууган чечен сөздү эске салат. Кыргыз эпосторуна таандык зор эпикалык чабытка ээ. Азыраак архаизм сакталган лексикалык курамы түгөл бойдон бүгүнкү кыргыз тилинен табылат, ушул эле сапаты, б. а. түрк, монгол сөздөрүнүн табигый жууруму эпостун узаакы жашын, алыскы түрк-маңгул жалпылыгын мезгейт. Кыргыз тилинен башка түрк тилдерииин көпчүлүгүндө сакталбаган эрин күүсү эпосто мол. (Тек транскрипциянын дайым эле так жасала бербегенин эскере кеткен жөн. Анткени, көөнө уйгур алфавитинде эриндүү, эринсиз үндүү дабыш окшош белгиленип, ар уруунун өкүлү бир эле сөздү огул – угуул, ошбу – ушбу, тогурду – тугурду деп өз тилине буруп окуган.) Баса, текстти транскрипциялоочу А.М.Щербак да бул кол жазма ошол эле кездери жазууга түшкөн будда маданиятынын үлгүсү «Алтын жарыктын» мисалында жазма адабий тилдин, Турпандан табылып Рад мисалында кеңселик тилдин да нормаларына түк коошпой обочо тураарын адилет белгилейт. Сөз башында каткалаң «Ж» дабышынын арбын колдонулушу да азыркы кыргыз тилине дал. Ал турсун эпостун ар жумгагынын тогуз жолдон турган сырт калыбы да кыргыз элдин тoгуз санды ыйык тутканын, тогуздап тартуу берип, тогуздап кун төлөгөнүн, тогузу тогуз түрлүү түсү жалаң ак болгонун, ошондон «тогуз ак» маани чыкканын, ал алиге «Тогузак» болуп адам ысмында кезигээрин, бул ишеним тээ байыркы кыргыз кандын Түрк бабадан кийинки тогузунчу кан болгонун, ошону ырым кылып улуу той кылганын, заман акыр, жер такыр болгончо калкым тогуз санды ыйык тутса кыргыз ысымын да өчүрбөс деген эл генийинен сызылып чыккан эзелки төлгөсүн эске салат!

Мына эми ушундан соң айтылаар бир гана сөз калат, ал «уйгур каганы», «уйгур жазуусу» деген тосмо-айнектин тоскоолун жара албай: «Огуз каган абалы XIII кылымда Турпанда жазылып, кийин XV кылымда кыргыздар бар мекенде кайра жазылган» деген немис аалими П. Пельонун, ушуну улай: «жок, эстелик кыргыздар бар мекенде жазылганы менен аны башка бир түрк калкынын өкүлү жазган» деген орус аалими А.М.Щербактын этиет пикирлерин батыл улап: – Жок, байыркы баба тарыхын күнү бүгүн байыркы Кер Көл, Талас ордону мекен эткен дал кыргыз урпагынын бир өкүлү жазган! – деген тыянак. Ал неге анда өтө бай мурасын оозеки сактап келген эл «Үгүз каган» эпосун бу күнгө катар жеткирбеди деген да бир кайчы суроо туулат. Ырасында кыргыз санжырасында Түрктөн башталган түпкү аталар дайыма ирети менен айтылып келген. Манас атанын тээ түбү тууралуу сөз жүргөндө да Угуз сөзсүз эскерилет. Калктын жалпы тарыхы катары ал айтылбай калышы эч мүмкүн эмес эле. Жүрө-жүрө ал чындык айныгыс аксиомага айланган. Арада канча бир заман оодарылып мезгил барагын улам жаңылаган сайын көөнө тарых да «көбүрүп-жабырган» окуяларын кокту-колотуна жымырып тек дүңүнөн айтылууга өткөн, эң залкар чокуларын дааналаган, эң чулу окуяларын кармаган, эң негизги ысымдарын эс түбүнө чөгөргөн. А качан бүткүл тарыхын-тагдырын солкулдатып бир орчун окуя жанардай атылып жаңы чокуга өскөндө ошонун дүмөгү көбүрөөк жомоктолгон. Ошентип көөнө, жаңы тарых жуурулуп, улам аркысын күүгүм чалган, кай бири аңызга айланып, кай окшош мотивдери кабаттала өзөктөшүп кеткен. «Кыргыз» ураанын көтөргөн элдин тагдырындагы ошондой теңир чоку – Манас болду. Кер гуз журтунда Ааланча ата урпактарынан таралган байыркы ордо түрктөрү баштап чыккан «кыргыз» урааны кыжылдаган көчмөн жаң-жуң дүйнөдө бирде бийик, бирде бас тартып, аал, кан Манас заманында кайрадан шаңшып теңирге чабыт керген эле. Качандыр табышы таш жарган үлүш соңунда чабылып-чачыла барып, ийилип-сына жаздай кайрадан серпилип эргип, канаттуу доорун өлбөс кара күүгө салган эле, бүткүл рух ааламынын аздек гүлүн асыл жомогуна ооштурган эле. Ушундай шартта алыскы Өгүз окуясы улуу жомок боюна тек ата тараткан сыйымдуу санжыра сыпатында өрүлүп кала берген. Байыркы кыргыз рухунун гана эмес, дайымкы кыргыз рухунун ушул чокусунан кароол салганда ага сан миң адыр куюлушуп жалганган алыс-жууктагы Уйгур ордосунун, Көк түрктөрдүн, Жаң Жуңдардын, Чаян кан ордосунун, анын Бөйөн, Төбөй салааларынын, андан ары Күн, Ааланча, Каракан, Угуз ордолорунун төбөсү көрүнөт. Ошонун баарынын төрүндө Түрк – Өгүз каган чокусу бүлбүл төнөт… Ар ордонун салса бүткүс домогу, айтса бүткүс жомогу бар.

Көктө учкан канаттуу,

Жерде сызган туяктуу,

Көп экенин ким билсин,

Ушул жомок сыяктуу – деп манасчы айтмакчы, ошончо даркан тарыхты мүлдө көчмөн дүйнө гана биригип муңдурбай, тоздурбай ар-ар жерде, ар кандай порумда сактап жеткирүүгө кудуреттүү эле. Объективдүү мыйзам ушундай, ырасында ошондой болду. Өгүз дастаны Маңгул журтунда, Түркмөн журтунда, Уйгур журтунда, «чаап келип алыскы « Азиядан жыгылган бир байталдын башы сыңар Жер Орто деңизине кирип калган» (Н. Хикмет) Асман түркүндө, Мисир кыпчактарында (мамлюктар) санжыра, эпос, дастан, өлөң тейинде сакталды. Дагы бир объективдүү мыйзам; эл оозеки эпос түрүндө эмне үчүн сактабады деген тайкы суроодон гөрү, бүтүндөй көчмөн дүйнөнүн кай санатын көөнөртпөй да, чайпалтпай да сактап калган, жалгыз кыргыз эмес жамы түрк-мангул дүйнөсүнө тиешеси бар Манас тарыхынан Өгүз дооруна кеткен учукту улап, андагы тек ишара айтылган ой салмагын, байыркы турмуш келбетин, баба мүдөөсүн, кыскасы бар дасмыясын Манастын өрүшү кең көрөңгөлүү дүйнөсү менен жарытып көрүү, байытып түшүнүү, түпкү жалпы тарыхты туура туюнуу бүгүн көбүрөөк зарыл. Сөзүбүздүн башында «Үгүз каган» өчкөн адабий эстелик эмес, түп толтодон түрүлүп бизге жеткен жандуу толкун учу дегенибиздин да себеби ушул…

Көөнө түрк тилинен көркөм жаңылаган, түшүндүрмөсүн жана жандырмагын жазган. Чоюн Өмүраалы уулу.

 

ЖУСУП БАЛАСАГЫН

КУТ ДААРЫТАР ИЛИМ

…Акдилмиш жооп берди: «Боорум, менин Бардыгын айтып берүү менин жөнүм.

Сабакты сага айтар, бекем карма, Жол-жобосун үйрөнүп, билсең пайда.

Эл менен бирге жашап, тилин тапкын, Тууган кыл, дагы бирин – достой баккын.

Кандай адам болсо да ордо ичинде Сүйлөшүп, аралашып кир ичине.

Таба албасаң алардын көңүл жолун, Анда өзүң жалгызсың жана корсуң,

Ишти билген адамдын айткан сөзүн, Угуп ал, ошол тапкан иштин көзүн:

«Кимдин бекке ак болсо ой-тилеги, Жакын болсун эл менен анын өзү.

Улуулукка кол сунуп жетем деген, Жакын болсун кызматчы-ишчи менен.

Бек сени канча баалап жакын тутса, Адилеттүү баарына болгун кайра!»

Ордодо кызматкердин үч түрү бар, Иштин көзүн ордодо табатлар.

Бири алардын – өзүңдөн жогоркулар, Кызмат кылган аларга – бакыт табар.

Урмат көрсөт, аткаргын айткандарын, Мартабалуу, бактылуу сенсиң дайым!

Билимдүү, эстүү адам жакшы айткан, Эстүү сөзүн, пайда алат, бекем туткан:

«Кичүүлөр улуулардан урмат көрөт, Улууга кызмат кылган – бакыт делет.

Улууларды урматта, акылын ук,

Улуунун сөзүн уксаң – дөөлөт келет!»

Жакшылыктын бардыгы улуулардан, Бакытка жетем десең – иште абдан.

Экинчиси – өзүңө теңдүү жандар,

Бөтөнгө – жат, жакынга – тууган алар,

Алар – теңиң, намысың, ары теңдей, Саламдашкын, баарына болгун бирдей.

Үчүнчүсү – өзүңдөн кичүү келет, Акыл айтып, жемелеп жолдоо керек.

Көкүтпө, токтоо дагы, тыкат болгун, Теңтуш болбо, ашык сөз айтпай койгун.

Күнөөлүүбү – жазала, тыңды – макта, Жарым саат бош коюп чалчактатпа.

Айланаңда көөнү ак досуң болсун, Көп болсо дос-тууганың, өзүң зорсуң.

Элге сенин болбосун жаман оюң, Касы көптүн, кубанычы болбойт сонун.

Кичинекей кастын да зыяны көп,

Айта албайм араздашуу пайдалуу деп!

Душмандан азап чеккен адам сөзүн, Уккан соң, күйүтүңө ишенесиң:

«Душманың бирөө болсо, залалы миң, Досторуң миң болсо да аздай көргүн!

Душмандан эч ким пайда көргөн эмес, А көрсө – жеңгенден соң, аны билгин!»

Досторуң сага кубаныч болсун десең, Жакшылыкты досторго кылгын өзүң!

Теңдүүгө өзүң менен сылык, сый бол, Теңдерге сен көрсөтөр сыйың ошол,

Наадандардан алыс бол, жакындашпа, Наадандар ак жолуңдан бурат башка.

А кокус жакшы аттуу болом десең,

Наадандан касыңды артык көрсөң экен

Үйүрүн бузбайт баары накыл чындык, Адамдар, айбанаттар, коңуз, чымчык!

Не дегенин угуп ал белдүү киши, Жамандык, жакшылыкты көргөн өзү:

«Чыйырчыкты мен көрдүм учуп өткөн, Өзү кара, тобу да бүт кара экен.

Аккуулардын ичинде – кара болбойт, Ак-каранын ар жолу өзүнчө экен!»

Учкан куш да өз тобун таба билет, Адамсың, өз теңиңди тандоо керек.

Жакындыктын болот дейт эки түрү, Дал ошондой достук да эки түрлүү.

Достук бар ажырагыс кудай сүйгөн, Өмүр бою кыйшайбай туура жүргөн.

Дагы бирөө дос күтөт пайдасы үчүн, Андай достук бек эмес, үзөт өзүн.

Эгер сен теңир кошкон болсоң достон, Дос түйшүгүн тең көтөр, козголбостон.

Пайда күтпө досуңдан дароо эле, Кудайдан тийер пайда – о дүйнөдө.

А кокус ач көз болсо сенин досуң, Андайдан алыстай көр бачым өзүң.

Достукту жакшы билген адам сөзү, Бар пайдасын достуктун билген өзү:

«Досуңду ар кыл шартта сынап көргүн, Сындан өткөн досуңа колду бергин.

Достун көөнүн дааналап билем десең, Сынап көр жаман кылык, сөзүң менен.

Билгиң келсе досуңдун чын көңүлүн, Жакшы көргөн буюмун сурап көргүн.

Ким ошондо кабагын бүркөбөсө,

Дал ошол анык досуң түбөлүккө!»

Ушакчыдан алыс бол, жакындаба, Ушак сөзү өрт болот – күйбө ага.

Булагы – ушак болот чыр-чатактын, Ушакчынын, кутманым, башын алгын!

Алыс бол тилемчиден, сараңдардан, Ач көздүктүн аягы сага душман!

Ач көздөр бир өзүнө болсоң, керек, «Бир тууганым», «досум» деп айта берет.

Сураганын бербесең – душмансың сен, Мындан мурун билбеген, эч көрбөгөн.

Дос изде өз пайдасын көздөбөгөн, Аны тапсаң – бактылуу болосуң сен.

Дос деген – жакшылыкта, жамандыкта, Жөлөк болуп ар дайым даяр турса.

Эгер сен доско жакшы болом десең, Адил бол, доско ашың болсун кенен.

Бул экөөнү туткандын жүрөгү ак, Жамандыкка, жакшыга тике турат.

Бул тууралуу айтыптыр эстүү киши,-

Кутманым, бекем туткун накыл сөздү:

«Элди сыйла, кенен кыл тамак-ашты, Жакшы сүйлөп, ачык тут кабак-кашты.

Бул экөөнө бек болсоң, жаңылбайсың,

Башкасын билген болсоң,– мага айтчы!»

Душмандын да болушат эки түрү, Жайышкан каска торун кыйын билүү.

Бири – душман теңирдин жолун бузган, Ал капырлар – түпкүрү диний душман.

Дагы бир касың сенин көрө албастык, Аны туткан башкы күч ал өчөштүк.

Чыныгы катуу касың – капыр болот,

Катылса – карсылдашып кыйрат, жогот!

Өч алууга умтулган, кастарыңды, Өчүктүрбөй, кутманым, кечир, тынчы.

Душманыңды жумшартсаң, жакын болот, Кастык кетип, жакшылык, ырыс – толот

«Касыңды жакындатып, тилин тапкын, Болосуң кырсык, кастан алыс дайым,

Араздашуу пайдасыз: түшүн, билгин, Түйшүктүү, болбос иштен алыс жүргүн.

Досторуңду көбөйтүп, азайт касты,

Душмандыктын аягы болбойт жакшы.

Татыктууну, жакшыны дос кылгының, Болбосо азап болот көргөн күнүң!

Татыктууга доссуңбу – түйгүн эске: «Эки түрлүү досу бар, жетет көпкө,

Алардын бири – акылдуу, асыл адам, Жакын болуп, достукту арттыр аган.

Башкасы – момун адам кудай деген Ал жакын адамдык зор сапат менен.

Экөөнү тең дайыма дос кылгының, Жакшылардан жакшылык табар энчиң.

Жаман аттуу адамдан алыс болгун, Андайдын дили кара, алба колун.

Жакшы адам, жамандардан алыста бат, Ак нерсеге ар кыл кир жугуп калат.

Көптү билген бир адам айткан кеңеш, Анда айтылган акылдар жаман эмес: «Жамандан алыс болгун, кутман киши, Жамандын жугуш келет – кесепети.

Жакшы адам, жамандардан алыстап өт, Жаманатты, ушак сөз сага да өтөт.

Көрүп калсаң нааданды – өткүн четтеп, Жаманатты өзүңдү кылат жектеп.

Көп көргөм өмүрүмдө жакшыларды, Нааданга жакындашып, өспөй калды.

Наадандарга дос болгон билем көптү, Айрылып атагынан кайгыда өттү!»

Бек турган жер – ак сарай, ордо делет, Ушак-айың, кычаштык тапкан түнөк.

Көп болот ордо ичинде чыр-чатактар, Чыр-чатактын аягы – уруш, жаңжал.

Мансабы сенден чоңдор – сени тепсейт, Отко түртөт, артынан аттиң ай дейт.

Көрө алышпайт мансабы теңдер дагы, Жакшы ишиңди жамандап турат баары.

Кызганышат өзүңдөн кичүүлөр да, Ыраа көрбөйт жакшылык алар сага.

Көп болсо кызматчылар, душман да көп, Каршылашуу кай бирин курутат жеп!

Көз артпагын эч кимге, көңүлдөшүм, Адамга адилет да, ак бол өзүң!

Ич күйдүлүк – айыкпас дартка тете,

Жай таппайсың жанынды мыжып жесе.

Жакшылык, жамандык да теңир эрки, Буза албас анын эркин өчөгүшүү!

Ич тардыктан деги ким пайда алат? Ичи тарлар өлүмүн өзү табат!

Ак ишке өмүр бою ташта кадам,

Жакшылыкка жакшылык кылат адам,

Кубангандын коштогун кубанычын, Кайгы түшсө бирөөгө тең бөлүшкүн.

Атың чыкса, атак-даңк өзү келет, Баары сага достошуп колун берет!

О, боорум, душман-касты сен көбөйтпө, Дос, курдашты арттыргын бардык жерде.

А бирок душман сага торун жайса, Сен дагы ага каршы тузак камда!

Сөзүн ук баатыр эрдин жоосун жеңген, Кас душманын жүгөндөп айдап көнгөн:

«Четтеп өт душманыңды, азгыр алдап,–

Билдирбей буктурмаңды койгун камдап,

Душманыңды күчтүү да, куу деп билгин, Өзүңө темир тосмо койгун сактап!»

Досуңдун жүгүн көтөр, көңүлүн ал, Айткан сөздү унутпай, эсиңе сал.

Жакын досуң кас болсо, катуу болор, Мал-мүлкүңдү алууга колун созоор,-

Ички-тышкы сырыңды өзү билет, Катканыңды сууруп алып кирет!

Кааласа мал-келиңди тартып алат, Кааласа – ысык жаның сууруп салат!

Сен канчалык өзүңдү сактайм десең, Досуңду ыйык сакта – ошончо сен!

Досту табыш оңой иш, сактоо – кыйын, Баштоо оңой чатакты, токтоо – кыйын.

Душманың болсо анда – сактана жүр, Душмандан кутулган аз – ошону бил!

Эки түрлүү кишиден алыс болгун, Болбосо азап чегип, кор болосуң.

Алардын бири – ушакчы, чагымчылар, Да бири – эки жүздүү акмак жандар.

Жана да ичкич менен дос болбогун, Жадында бузукулук бар ошонун.

Өзүмчүл доско дагын жакындашпа, Андай достон алыста болгон жакшы!

Достугум болсун десең бекем, узак, Сураба эч нерсени, напсиң тушап.

Жакшылыкта түбөлүк жашайм десең, Адамды басынтпагын, тепсебегин.

Бөтөндүн көңүлүн ал: сөз, аш менен,Сакалынан байлайсың баарысын сен!

Жакыныңдан кутулгуң келсе анда: Сураганын бербе да, кагып ташта!

Өмүрүм узак болсун десең өзүң,

Дасторконуң дайыма кемибесин.

Жакшы көрсүн өзүмдү – баары десең – Эл менен сөздү, тилди жумшакта сен.

Көргүң келсе элиңден урмат-сыйды,– Өзүң дагы эл менен болгун сыйлуу.

Болом десең өзүң бай – кылгын топук, Ыраазы бол барына, байсың толук.

Эгер сен элден мактоо алам десең, Ишиңди, жүзүңдү да жарык тут сен!

Кишинин эң мыктысы асыл адам, Адамдыкты эч качан унутпаган.

Асылдыкка бек тутсаң сен өзүңдү, Чындыкка жакын кылгын иш, сөзүңдү!

Бул жакшы ырды оку да, ойлонуп көр, Ар сөзүнө акылдуу зор маани бер:

«Сен кимдин ким экенин келсе билгиң, Сөзү менен иштерин баалап көргүн.

Жакшы адамдар ак ниет, чынчыл болот, Адамдыкты таанытчу ушул белгиң!»

О, кутманым, нааданга жакындаба, Чырга болот жүзүңө, ыйманың!

Ук сөзүн, адеп жолун жакшы билген, Адамдын, акмактардан алыс жүргөн:

«Акмак менен, кутманым, достошпогун, Чыр-чатак, ыйкы-тыйкы, табар жолуң.

Анан да ач көз менен жакындашпа,

Ич тардыктан ал сатат керек чакта!» Сырыңды, оюңду ачпа сен эч кимге, Ачтыңбы – күнөө койгун сен өзүңө!

Ынтымакта эл менен болом десең, Өз пайдаңды эч качан көздөбө сен.

Болсун десең көңүлүм дайым ачык, Адилет бол, – кырсыктар кетет качып.

Кааласаң атак-даңкың бийиктешин, Жөнөкөй бол – бейпилдик таптың өзүң.

Эгерде болсун десең жүзүм жарык, Жалган айтпа эч качан, уят анык.

Көрүнсө кайсы жерде дөөлөт жүзү, Жөлөк болгун ошого, эстүү киши!

Бирөөнүн дөөлөтүнө көз артпагын, Болбосо ууга айланат ичкен ашың.

Ар сөзүңдө айтылар болсун салмак, Ар жообуңдан нак чындык турсун жайнап!

Ушак айтпа, сөз кылба киши жокто, Оорутуп көңүлдөрдү сөзгө кошпо!

Сөз – бороон, катуу соксо көңүл калат, Көңүлү калган адам өчүн алат.

Өзүңдөн улууларга бой көтөрбө, Жооп кылып орой сөз-айта көрбө.

Улууларга урмат-сый көрсөтө жүр, Өзүң да кут табасың, ошону бил.

Достор менен болгунун, эриш-аркак,

Катышкын, алыш-бериш мамиле тап.

Кадырласа өзүңдү – кадырла сен, А жек көрсө, жектегин ошого тең.

Өзүңө кандай кылса, ошондой кыл, Эркелетсе, таттуу сөз сүйлөсүн тил.

Жакшылыкка кыла бил жакшылыкты, Наадандарга өзүндөй кылган жакшы.

Жакшы айтыптыр адатты билген адам, Элин барктап, сыйлоодон жадылбаган:

«Сиз» десе сени бирөө, сен да «сиз» де, А түгүл андан ашып сылык сүйлө.

Билип ал: «үнү болуп жаңырыктын,

«Сен» дейби, ага тете жооп кылгын!»

Эл ичинде эп келер мамиле ушул, Каалайсыңбы жашоону, ушундай кыл!

Билгенимди сүйлөдүм, өзүң уктуң,

Көңүлүңө түйүп ал баарын, мыктым!»

Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу Жооп берди Өткүрмүш: «Сөзүңдү уктум, Ак пейилим, кебиңди түшүндүм чын.

Билсем деген башканы тилегим бар, Кутманым, эми ошону мага айта сал.

Эгер мен эл ичине калсам барып, Эл менен карым-катнаш болоору анык.

Алар менен мамиле кантип кылам, Өзүмдү ачып, ошону айтчы маган!»

Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу «Ооба, туура айтканың,– деди Акдилмиш,Чын айтасың, алар да билүүчү иш.

Керек болчу сөзүңдү сураган соң, Угуп ал, түшүндүрүп айтканым оң».

Акдилмиш Өткүрмүшкө караламан элге кылчу мамилени айтат

Караламан элдердин кулк-мүнөзү, Тарбия, билимине тете дечи.

Таалим болбойт жөнөкөй кедейлерде, Билишпейт мамилени жана адепти.

Аларсыз бирок бүтпөйт эч бир ишиң, Сылык бол, теңелбегин бирок өзүң!

Караламан журтуңдун иши кара, Кир кылбагын өзүңдү,– кошулба ага!

Алардын кулк-мүнөзү жайсыз делет, Өзүнө кылган иши шайкеш келет.

Болгон иши тойгузуу карындарын, Курсактан башка түйшүк билбейт аның.

Угуп ал көптү билген адам сөзүн, Адам баркын дааналап айткан экен:

«Кедейдин бар түйшүгү – карын камы, Курсагы үчүн кам көрөт анын баары.

Канча жанды курутту куу кекиртек,

Жер алдында от күтүп турат аны!»

Карды тойсо тилине жетпейт алы, Тил бошонсо – эч болбойт теске салуу.

А бирок, алар менен сүйлөшө бил,– Ичип-жегиз, дайыма тил таба жүр.

Сылык сүйлөп аяба сураганын,– Өзүң берсең – алардан көп аларың.

Көп сүйлөбөй, дайыма аз сүйлөгүн, Суусу көп, билип алгын, арбын сөздүн!

Мынакей токтоо жандын ыйык сөзү, Акыл менен ар сөзүн айткан өзү:

«Тилим бар деп ой келди сүйлөй бербе, Айткының, айтар сөздүн орду келсе.

Акылдуулар, көргөмүн,– аз сүйлөшөт, Ашык сөз алып келет өкүнүчкө!»

Теги мыкты адамдарга кандай мамиле керектиги айтылат

Ичинде бекке кызмат кылгандардын, Жандар бар, сыймык ага таанышканың.

Жакындар бар ичинде пайгамбарга, Кадырлаган аларды бактылуу да.

Аларды чын көңүлдөн кадырлагын, Жөнөткүн белек-бечкек, олжо дагын.

Алар жакын пайгамбар үммөтүнө, Урматта кудай үчүн, болбойт күнөө.

Сыйлагын түпкү тегин, сураштырба, Жаман сөздү айтса да каршы турба!

Даанышман, илимдүү адамдарга кандай мамиле керектигин айтат

Дагы бир адамдар бар билими мол,– Билими жалпы журтка көрсөтөт жол.

Кадырлап, сыйлуу болгун алар менен, Аз болсо да билимин алгының, сен.

Жаман менен жакшыны – билет алар, Ак жолду ажыратып көптөн табар.

Билимин алыш үчүн аракет кыл, Ашык айтпай, белегиң жөнөтүп тур.

Алар – түркүк жолуна акыйкаттын, Билиминен күч алат шариат чын.

Болбосо кокус булар бу дүйнөдө, Жер байлыгы жашарып өнбөйт эле»!

Билими даанышмандын элге жарык,Жарык болсо түндө да жолуң анык.

Белек берип, аларды урмат кылгын, Аш сунуп, ачык жүздөн күлүп тургун.

Ийменип, ашык сөздү айта көрбө, Уу болот – артыкбаш сөз андай жерде.

Сый көрсөт, дасторконуң болсун ачык, Ашык сөздөн жүргүнүң алыс качып.

Илимине ишенип, айтканын кыл, Сөзүн бузуп, ишине салбагын чыр.

Илими андайлардын сага керек,

Ак жолуңду адашпас айтып берет,

Алар чыны отордо – эркеч сымал, Баштаса койду жолго алып чыгар.

Булар менен жакшы бол, ынтымак тап, Эки дүйнө табасың кетпеген бак.

Дарыгерлерге кандай мамиле керектигин айтат Адамдын түрлөрү бар дагы канча, Иштери, мансабы да башка-башка!

Таанып ал арасынан дарыгерди, Кутултушат кеселден – алар элди.

Ойлонсоң булар сага керектүүлөр, Буларсыз жолуң болбойт түптүз жүрөр.

Сопсоо туруп кээде адам ооруп калат, А дарыгер кеселге дабаа табат.

Оору – жолдош өлүмгө, жолун туткан, Өлүм болсо – өмүргө чексиз душман.

Дарыгерди сыйлагын, достошо жүр, Элге керек, айтканын аткара бил.

Эмчилерге кандай мамиле керектигин айтат Дагы бар эмчи жандар – сыйкыры бар, Жин ооруну тууралап эмдейт алар.

Булар менен оңдогун мамилени, Жин ооруга чакыргын – келсе жөнү.

Пайдасын көрөм десең сен алардын, Мамилеңди туурала, эй кутманым.

Дарыгерлер эмгиче ишенишпейт, Эмчилер дарыгерди киши дешпейт.

Бири алардын кеселге дары берет, Башкасы – жин оорудан эмдеп көрөт.

Түш жоручуларга кандай мамиле керектигин айтат Дагы бир билгирлер бар – түш жоручу, Көргөн түштү так жоруп айтат ушу.

Түш көрөт уктаганда, көргөн түшүн, Туш келет, так сүйлөсө жорур кишиң.

Түш жоручу – жоруса жакшылыкка, Жолуң болуп, кубаныч келет сага.

Эгерде көргөн түшүң, болсо жаман – Ырымдап дүнүйө чач – сооп саган.

Түштүн дагы жолу бар кудай берген, Кулдарынын кур койбой камын көргөн.

Жакшы болсо көргөн түш – чоң кубаныч, Жаман болсо – кудай деп туруу парыз.

Кембагалга тараткын күмүш теңге, – Кудай оңдон ишиңди салат жөнгө.

Түш жоручу сөздү так билсин десең, Көргөн түштү дурустап айтканың жөн!

Адамдар бар түштөрдү айтар кызык,– Андайдын иши жакшы, улаар учук,

О, боорум, марттыгыңа татыйт алар, Дос, туугандай аларды – күт, сыйлап ал.

Жылдыз саноочуларга кандай мамиле керектигин айтат

Мындан башка дагы бир жылдыз санаар, Так эсепке, санакка мыкты алар.

Жыл, ай, күндүн эсебин алар билет,

Мындай эсеп эң зарыл, баалоо керек.

Билгиң келсе үйрөнгүн, татаал эсеп,– Билим жолу так эсеп жерден өтөт.

Көбөйтүүнү, бөлүүнү, бөлчөктү бил,– Татаал жолду баспасаң, келбейт үзүр.

Жакшы билгин катмардын эрежесин, Санактан тамыр чыгар билип өзүң!

Аянттын өлчөмдөрүн так чыгаргын, Жети катар асманды, жердей айткын!

Алгебра жолдорун даана тапкын, Евклиддин капкасын катуу каккын.

Билип ал: азыр дагы, келечекте, Багынган акыл-оюң бүт эсепке.

Кутманым, эсебиңден ката кетсе, Эч качан иш илгери болбойт иште!

Иш баштасаң – эң алгач суроо абзел, Жакшыбы, жаман кезби, ойдон өткөр.

Түрлүү Айдын күндөрү – жакшы-жаман, Жакшы күндү түк билип башта анан.

Кары айткан иштин көзүн жакшы билген, «Иш баштасаң, акылдаш эстүү менен!»

Ар ишиңди коштосо илим-эсеп, Максатыңа ойдогу колуң жетет.

Бардык иштин башында – илим жолу, Билимсиздин максатка жетпей колу.

Сура көптөн, ишенбе сен баарына, Бир гана ишенериң, теңир тура.

Булар менен жакшылап ымала кыл, Ашык сөзгө албастан сый болуп тур!

Акындарга кандай мамиле керектигин айтат Акындар бар жана да – кызматы сөз, Адамды,– мактайт, сөгөт – тартынбай эч.

Алардын тили кылыч – миздүү өткүр, Алардын ою ничке, чачтай жиптир.

Алардын назик оюн билем десең, Сөзүн угуп, акылды тапта өзүң.

Алардын акыл-ою деңиз сымал, Ар дайым сөз берметин алып турар.

Мактаса алар кимди – алат атак, Жамандаса кимди алар – уят, азап.

Достошуп алар менен жакындагын, Тилине илинбегин акындардын!

Мактоого татыйм десең, акылманым Алар менен сыйлуу бол, өзүң дайым!

Сурайбы – аябастан көрсөт сыйды,

Сактап кал уулуу сөздөн сыймыгыңды!

Которгон Төлөгөн Козубеков.

 

ИЯ СТЕБЛЕВА

ТҮРК ТИЛИНДЕГИ БАЙЫРКЫ АДАБИЯТ

Байыркы замандарда жана орто кылымдын баштапкы мезгилинде Борбордук, ошондой эле Орто Азиянын уч-кыйырсыз мейкининде өмүр-тиричилик өткөргөн ар түркүн уруу эл бирде эбегейсиз күч-кубатка эгедер уруулук биримдикке баш кошушса, бирде кайрадан бытырап таркап турушкан. Ошондуктан бул мезгилдин адабий эстеликтерин түрк тилинде сүйлөгөн элдердин орток мурасы деп саноого болот.

Бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген байыркы эстеликтер рун, ошондой эле манихей, уйгур жазмасы менен жазылган. Түрктөрдүн исламды кабыл тутушу менен уйгур жазма-чиймеси акырындап четке сүрүлүп чыга баштап, түрк элдерине араб жазмасы тарай баштаган.

Байыркы түрктөрдүн өлгөндүн сөөгүн коюу расмилеринин чырмалышкан тутумунда бизге келип жеткен стела-таштардагы жазуулар рун жазма-чиймесинин алгачкы эстеликтери. Алар шарттуу түрдө Орхон тексттерине (түндүк Монголиядан,  Орхон, Селенга, Толу өзөндөрүнүн өндүрүнөн табылгандары)  жана  Энесай тексттерине бөлүнөт. Тексттердин Орхон тобун Күл-Тегиндин урматына багышталган Чоң жана Кичи жазуулар, Билге-кагандын, Тон-ёкуктун урматы үчүн жазуулар, ошондой эле Онгин жазуулары түзөт. Энесай тобуна болсо көрүстөнгө ар ким тарабынан  коюлган таштардагы бир далай майда жазуулардын тексти кирет.

Айрым бир диалектилик айырмачылыктарына карабастан, негизинен  тексттердин эки тобунун тең тили бир. Мунун өзү байыркы доордо Борбордук жана Орто Азиянын, Түштүк  Сибирдин  уч-кыйырсыз  мейкинине кең-кесири тараган жалпы түрк адабий тили жана жазма салттары өкүм сүргөнүн күбөлөп турат. Маани-мазмуну боюнча Орхон  тексттери VI кылымдын  орто ченинде келип чыккан, Борбордук Азиялык эң ири мамлекеттин – Түрк каганатынын тарыхы менен тыгыс байланышкан, бирок алар Чыгыш түрк каганатынын доорунда (VIII кылымда) жазылган. Энесай тексттери болсо Энесай кыргыздарынын мамлекети (Хягяс мамлекети) өмүр сүргөн доорго таандык.

Орхон-Энесай тексттеринин ритмикалык жактан курулушу Алтай менен Түштүк Сибирди, Волга бою менен Орто жана Кичи Азияны мекендеген азыркы түрк элдеринин фольклордук ырларынын ритмикасына окшош.

Билге-каган менен Күл-Тегиндин урматына арналган жазуулар VIII кылымда жеке бир автор тарабынан, үстөмдүк кылган ордо үйдүн кичи бир тууганы Иоллыгтегин тарабынан жазылган. Мына ошондуктан аларда теманы ачып-аңдоонун бир түрдүү композициясынын тамгасы басылган. Ал жазууларда тексттин автору түрктөрдүн кандайдыр бир «түпкү тарыхы» катары сүрөттөгөн Түрк каганатынын мезгилинен тартып, VIII кылымдын үчтөн бирине чейинки тарыхый мезгил баяндалат. Бул Чыгыш түрк каганатынын калыптанышына жана чыңдалышына байланышкан  окуялар:  түрктөрд үн кытай эзүүсүнөн азат болушу жана каганатты кеңейтип, байытуу  максатын көздөгөн  согуштук жүрүштөр.

Ал эми Тон-ёкуктун үч кагандын аскерлеринин жол башчысы жана кеңешчиси – урматына багышталган жазуу (мунун автору белгисиз, бирок текст Тон-ёкуктун өзү тарабынан чыгарылган деген божомол бар) негизинен ошол эле Күл-Тегин менен Билге-каганга арналган жазуулардагы окуяларды баян этет, бирок мында автордун ой санаасы Тон-ёкуктун мамлекет, түрктөрдүн уруу бирдиги алдында сиңирген эмгегин баяндоого көбүрөөк бурулган. Жазуулардын авторлорун тарыхый окуялар баарыдан мурда түрк элинин баатырларынын элесин түзүүчү жана аларды даңазалоочу фон катары кызыктырган.

Жазма эстеликтердин тексттери башкаруучуларга

(бектерге) жана элге кайрылып, түрк кагандарын көкөлөтүп урматтоого түрткөн чакырык менен ураандарды камтып турат. Орхон жазууларынын айрым бөлүктөрүнө элдик кошоктордун күчтүү таасири да тийгени айкын байкалат, бул Күл-Тегиндин урматына арналган Чоң жазуунун корутунду бөлүгүнүн мазмуну менен ырасталат: «Күл-Тегин эгер болбосо баарыңар набыт болмоксуңар. Күл-Тегин иним көз жумду, азага башым малынды. Айнектей көзүм кашайып, акылымдан кол жуудум азага башым малынды». Ушул эле жерде Бумын-каган менен Истеми-каган, ошондой эле Күл-Тегин каза болгон соң казага кеткендерди кошуп ыйлаган көптөгөн кошокчулар жыйналганы жөнүндө да айтылат. Бул үрп-адатты Орто жана Борбордук Азиянын, ошондой эле Кавказдын көптөгөн түрк тилдүү элдери сактап калган.

Жазма эстеликтердин тексттеринде аскер жол башчыларынын айланасында чыгарылып айтылган кошуундук эпостун таасиринин белгилери опоңой эле байкалат. Маселен, Күл-Тегиндин согушка киришин сүрөттөгөн жерде баатырдын согушка минген аты үч сапар эскерилет: «Чү деген жерде (биринчи жолу) Тадыкун-чуру «(таандык) боз атына ыргып минип, качырды ал (душманды). Ал аты анда жыгылды. Экинчи мерте Ышбар Ямтардын (таандык?) боз атын минип, качырды ал (душманды). Ал аты анда жыгылды. Үчүнчү мерте Йе-гин-Сили-бектин (таандык) жабдылган тору атын минип, качырды ал (душманды). Ал аты анда жыгылды».

Баатырларды эпикалык жактан идеализациялоо орхон жазма эстеликтеринин баардыгына таандык касиет. Тарыхта болуп өткөн акимдер да легендарлык-эпикалык тейде сүрөттөлөт: «Төбөмдөн көпкөк асман, (ал эми) астымдан күрөң жер жарылганда, ал экөөнүн ортосунда адам баласы жаралды. Адам баласынын үстүнө менин атабабаларым Бумын-каган (жана) Истеми-каган олтурушту (падышалыкка). Же болбосо: «Алар акылман кагандар эле, алар кайраттуу кагандар эле. Алардын нөкөрлөрү да акылман эмес беле, кайраттуу эмес беле. Ошондой эле эл да, бектер да ишенчиликтүү эле…»

Мына ушул учурда (VI кылымдын ортосунда) Түрк каганаты Борбордук Азиянын эле эмес, Орто Азиянын да саясий турмушунда негизги ролду ойной баштаган. Монгол тилиндеги кидандар жана түрк-кыргыздар багынтылган, Орто Азиядагы эфталиттер талкаланган, Киммерий Боспору басып алынган; түндүк кытайлык мамлекеттердин экөө тең түрктөргө алым-салым төлөп турушка мажбур болушкан. VI кылымдын акырында Түрк каганаты Византия, Иран жана Кытай империясы менен саясий, экономикалык карым-катнашта болгон. Дал ушул учур Орхон тексттериндеги элдин «түпкү тарыхына», өткөн доордун идеалдуу образына негиз болуп берген. Түрк уруулук ак сөөктөрүнүн таасирдүүлүгүнүн жана байлыгынын өсүшүн шарттаган, көз каранды болбоону көздөгөн баскынчылык согуштар, ошондой эле катардагы жамаатташ элдин жакырданышы бара-бара каганаттын өз ара араздашуусуна жана социалдык-саясий кризиске алып келди, натыйжада Түрк каганаты Чыгыш түрк жана Батыш түрк каганатына бөлүндү.

Алардын ортосундагы согуш оту басаңдабай, акыры түрктөрдүн өздөрүнүн эркин-азаттыгынан кол жуушка алып келди. Ошондуктан орхон жазууларынын эң негизги жөн-жүйөөсүн бабалардын кастарлап көздөгөн максатына берилгендик, элдин жана бектердин бийлик ордосуна кыңк этпей баш ийүүсү жана да чын ыклас этүү түзгөн. Жазуунун авторунун ой-пикири боюнча эл башына түшкөн мүлдө азап-тозоктун баардыгы калайык менен бектердин каганга күнкор болбоско далбас уруштун жана чолок акылдуулуктун айынан келип чыгат, «Түрк эли, ачсыңбы же токсуңбу, сен, ач же ток болору жөнүндө ойлобопсуң, кокус тоюп алсаң, кайра дагы ач болоруң тууралу ойлобойсуң. Сенин ушундайлыгыңдын айынан, (сени) көтөрмөлөп-көкөлөткөн өзүңдүн каганыңа жана анын насаатына кулак кагып койбогонуңдан көрүнгөн жерге тентип кеттиң, аякта сен айласыз жабыр тарттың (жана) азапка малындың» (Күл-Тегиндин урматына багышталган Кичүү жазуу).

Орхон жазмаларынын авторлору хандын ханы – Тонёкук менен баатыр кол башчы Күл-Тегиндин «даанышман кеңешчиси»– каганды мезгилге куп жарашкан изгиликтин үлгүсү катары сүрөттөшөт. Кагандын образы керемет касиеттерди камтып турат («теңир сындуу» «көктөн түшкөн», «менин энем Умай (кудай) сындуу катын), ошол эле учурда, автордун көз карашынан алганда, кадимки адамдык мыкты касиет-белгилерге да эгедер.

Тон-ёкуктун «даанышман кеңешчисинин» парзы – кагандын кызыкчылыктарынын сакчылыгында ыкчынбай туруу. Жазууларда Тонукук мамлекеттик деңгээлдеги акыл-ойго жана теңдешсиз кайратка эгедер каарман катары көз алдыга элестейт. Аскердик эрк-кайрат мүлдө изгиликтен алда канча жогору урматталат. Билге-кагандын заманындагы мурдакы аскер кол башчысы КүлТегин жекече аскердик эрк-кайраттын үлгүсү катары көрсөтүлгөн. Анын бардык салбыруунга катышуусу бир түрдүү эпикалык ыкма менен сүрөттөлөт. Күл-Тегин атка ыргып минип (аттын тукуму, түсү сөзсүз көрсөтүлөт), душманга качырып тиет, бет келгенин тындым кылат. Анан аты өлөт, ал эми түрктөр салгылашып жаткан аскерлер кыргынга учурап жок болот, Каган өңдөнүп, Күл-Тегин элге жалбарып, жардам сурабайт, эл да аны эрдикке шыктандырбайт, Тон-ёкукка окшоп мамлекеттик иштерди жүргүзүү жөнүндө баш катырып ойлонуп да отурбайт, ал салгылашууну гана билет. Жазуунун автору согуштун адепки башталышына баатырдын катышуусу көп нерсени чечкен жалтанбас баатыр-чоронун образын түзүүнү көздөгөн.

Бул баатырлардан сырткары, Тон-ёкукка арналган текстте төл сөз аркылуу бир далай сандагы катышуучулар сүрөттөлгөн, алар касташкан элдердин кагандары, чалгынчылар менен жол баштоочулар. Айрым окуялар (маселен, түрк аскерлеринин 710–711-жылдардагы жүрүшүндө көчмөн аркылуу кыргыздарга өтүшү) жетишээрлик реалисттик мазмунда сүрөттөлсө да, жазуулардын тексттерине жалпысынан, окуяларды сүрөттөп көрсөтүүнүн эрежелешкен ыкмалары өз тамгасын баскан сыяктанат.

Жанрдык мүнөздөмөнүн көз карашынан алганда КүлТегиндин, Билге-кагандын жана Тон-ёкуктун урматына багышталган жазууларды кошуун эпосторунун салттары менен байланышкан же анын таасиринде жаралган тарыхый-баатырдык дастандар деп эсептөөгө болот.

Мезгили боюнча Энесай рун жазуулары өлгөн адам тарабынан жазылган, түрк тилиндеги көрүстөн лирикасынын туңгуч үлгүлөрүн  айгинелейт. Алардын ичинен Бегредеги, Алтынкөлдөгү, Элегшетегидей алда канча чубалжыган жазуулар  маркумдун өмүрүндөгү айрым орчундуу окуяларды баян эткен  өмүр-баяндык таризде түзүлгөн. Бул анын орхон жазууларынын белгилүү бир бөлүктөрү менен окшоштугун айкын көрсөтүп турат, бирок Энесай көрүстөн жазууларында маркумдун  өмүртаржымалы экинчи даражадагы роль ойнойт жана эң башкы максатка – өлгөн адамдын ким менен «лаззатка батпаганы  жана ал кимден «ажыраганы» (б. а. өлгөнү) жөнүндөгү  кайгы-муңун туюнтуучу  максатка багындырылган. Бул формула Энесайдагы көрүстөн жазууларынын баардыгында  кездешет.  Энесай көрүстөн жазууларынын маани-маңызы  жалаң кайгы менен касырет-азадан турат: «Үргөдөгү канышаларым силерден, ай шорум, өз балдарым силерден айрылдым!..» «Көк асмандагы күн менен айды көрүүдөн калдым! Өз жеримден, ай шорум,  силерден да айрылдым!  Каныма, өз элиме (уруулар  бирдештигине), шорум ай, бөкбөдүм! Канымдан, элимден, шорум ай, айрылдым» (Элегештеги жазуу).

Бул чыгармалардын ыргактык түзүлүшү орхон тексттериндегидей эле белгилүү бир өнүп-өрчүштүн белгисине эгедер (айрыкча, ырдын башталышында текши аллитерацияга ык коюу даана байкалат), мунун өзү түрк элдеринин поэтикалык формасынын өнүгүшүндө Энесай көрүстөн жазуулары баалуу тегоо экенин айкындайт.

Рун жазмасынын дооруна кагазга түшүрүлгөн «Бал китеп» да таандык. Ал болжол менен VIII кылымдын ортосунда – X кылымдын башталышында (балким, жүз жыл кийинирээктир) пайда болгон жана XIX кылымга чейин Түркияда кеңири таркаган бал ачма төрт саптар жыйнагынын эң байыркы сөөмөлдөш үлгүсү катары эсептөөгө жетишээрлик жүйөө бар.

«Бал китеп» адамдардын жана айбанаттардын тиричилигинен алынган реалисттик сүрөттөмөлөр, мифологиялык жана жомоктук сюжеттер, табиятты сыпаттоо, акыл-насаат сыяктуу төрт топтогу тексттерден турат. Биринчи топтогу тексттердин мисалына мынабул саптар жатат: «Аюу менен каман ашууда бет келишип, чарпышты. Аюунун иче-карды чубалып, камандын азуусу кыйрап күбүлдү деп айтышат. Ошондуктан билип жүр: бул жаман».

«Бал китеп» адам баласын ар түркүн кырдаалдан сүрөттөп көрсөтөт. Маселен, алар согушка же аңчылыкка аттанган хан, каражат иштеп табыш үчүн кеткен кембагал, тобокелдүү оюнга азгырылган кумарчы, кол күзгүсүн көлгө түшүрүп ийген аял жана башкалар.

Мифологиялык жана жомоктук экинчи топтогу сюжеттерде адамга кездешкен маалда ага бакыт-таалай тартуулаган («тагдырдын боз ат минген кудайы», тагдырдын кара кудайы) теңирлер да сөз болот.

Жомоктук мазмундагы сюжеттерден биз төмөнкүдөй саптарды жолуктурабыз: «Адам согушуу үчүн аттанды. Жолдо анын аты жүрбөй калды. Ал (адам) ак куу менен кездешти. Ак куу (аны) канатына олтургузуп (жана) учуп чыгып, сапар алды. Ал (адамды) аны ата-энесине жеткирди. Анын атасы-энеси (ата-энеси) кубанышты (жана) үлпөт курушту деп айтышат. Ошондуктан билип жүр: бул жакшы». Түрк элинин «Ак куу-куш» деген соңку жомокторунда ал ирандын мифологиялык кушу Зымырык (Симург) менен алмашылды. Бул эпизоддо куштун адамга ат катары кызмат кылышы гана фантастикалуу болуп саналат. Куштун – адамды колдоочунун – түрк элине таандык образы канчалык кайталангыс өзүнчөлүккө ээ экенин айтуу кыйын, анткени иран менен түрк элинин маданий байланыштарынын тамыры өтө эзелки доорлордун катмарында жатат, анын үстүнө бул жеткиликтүү изилдене да элек. Ал түрк элинин чөйрөсүндө тотемизм менен байланышкан жана шаман дининин салтына кирген кубулуш катары толук өз алдынчалыкка ээ деп божомолдосо болот.

Табиятты сыпаттоо (тексттердин үчүнчү тобу) майда баратына чейин тактап көрсөтүүдөн оолак: «Таңсүрүп, жерге жарык түштү, анан күн чыкты. Бар бүткөндүн баарысын нур каптады деп айтышат. Ошондуктан билип жүр: бул жакшы». Айрым учурларда «Бал китептин» авторлору табияттын сүрөтүн адам тууралу ой-пикир түйүш үчүн пайдаланышат: «Адам кайгылуу, ал эми асман болсо бүркөк эле. Ортосунан (алардын) күн тууду. Тоо арасына кубаныч аралады. Ошондуктан билип жүргүлө: бул жакшы».

Тексттердин акыркы тобу акыл-насаат айтуудан турат. «Бал китептин» идеяларынын диний деңгээли (бул маселе боюнча изилдөөчүлөрдүн пикирлери ар түрдүү) канчалык болбосун, ошондой эле шаманчылыкка чейинки жана шаманчыл, а балким манихейчил табынууларды изилдеп-үйрөнүүгө канчалык баалуу материал бербесин, андагы кыска-кыска поэтикалык миниатюралар мусулманчылыкка чейинки түрктөрдүн бизге анча-мынча гана белгилүү турмушунан жана ой-санаа образынан кабар берет. Эгер тагдыр теңири кишиге бакыт апкелсе, эгер хан согушта жеңишке жетсе же уусу олжолуу болсо, эгер киши балалуу болсо, табияттын таш боор кырсыгы тамам болсо, адам же айбанат ажалдан аман калса, эгер ата-энеси менен араздашкан бала үйүнө кайрылып келсе анда бул жакшы. Эгер үйдү түп орду, коргону менен түгөл өрт алса, бугунун музоосу ачкадан кайышса, турна бутакчерге маталып, оболоп уча албаса, эгер ат аяк ташташынан жаңылып мүдүрүлсө – бул жаман. «Бал китептин» ырдык курулуш бөтөнчөлүгү түрк элинин  поэтикалык формаларынын  өсүп-өрчүшүн изилдеп үйрөнүүдөгү эң зарыл баскыч.

Түрк тилиндеги адабият тарыхында рун жазмасынын доору өсүп-өнүгүш жагынан эле кызыгуу туудурбастан, ошондой эле байыркы түрктөрдүн Күн чыгыш эли менен, асыресе Кытай жана сасанид Ираны менен маданий алакалаш болушу жагынан да кызыктуу.

Орхон-Энесай  чыгармалары  менен  сөөмөлдөш  эле байыркы уйгур тилиндеги поэтикалык тексттер да белгилүү. Булар манихей жана уйгур жазмасы менен жазылган, уйгур  каганатынын (VIII  кылым -IX  кылымдын ортосу) жана анын кулаган мезгилиндеги уйгурлардын маданий  турмушуна  байланышкан диний  мазмундагы чыгармалар. Будда мазмунундагы байыркы уйгур тексттери болжолдуу түрдө VIII-XIII  кылымдарга, ал эми манихей тексттери X кылымга чейинки мезгилдерге энчиленет. Эң алгачкы эстелик – манихейликтердин дуба катары окуган «Хуастуанифт» дегени. Манихей дини III кылымдан баштап, Мисирден Индияга чейинки аймакка тараган, Орто жана Борбордук Азияда да орун-очок ала баштаган, ал эми VII кылымдын  акыр  жагында  бул динди  ыйык тутуп,  урматтагандар  Кытайдан да чыга баштаган. Биз ушу тапта айрым-айрым келкилери боюнча гана баалап-талдап ала турган бул дин көлөмдүү адабияттын башатында турат.

Манихейликтерге таркатуу үчүн чыгарылган жана манихей жамаатынын катардагы «угуучусу» үчүн багышталган «Хуастуанифт» адегенде орто иран тилинде, анык айтканда, согди тилинде жазылган деген божомол өкүм сүрүп келатат. Кийин, V кылым ичинде ал байыркы уйгур тилине которулган. Бирок да, «Хуастуанифт» алда канча кийинчерээк пайда болгон деген да пикирлер бар.

«Хуастуанифт» манихей изгиликтери менен күнөкөрлүктүн чубалжыган тизмесинен турат, ал композициялык жактан бөлүмдөргө бөлүнүп, «Кечире көр, күнөөбүздү» деген бирдей формула менен аяктайт. Дубанын ар бир бөлүмү ыргагы мукамдуу уюшулган строфалардан турат, бул жагынан ал Орхон-Энесай рун тексттеринин мукам ыргагы менен бирдей «Хуастуанифт» түп нускасында ыр түрүндө болгонбу же жокпу белгисиз (түп нуска табылган эмес), бирок ирандык манихей тексттери ыр түрүндө болуп жаткан соң, мына ушундай түкшүмөлгө түртүшү толук ыктымал. Эгер ырасында ушундай болсо, анда которуу мезгилинде байыркы түрк адабияты үчүн мүнөздүү жана орток поэтикалык формага салынган табийгый иш.

В. Банг менен А фон Габен тарабынан кайрадан оңдолуп-түзөлгөн манихен мазмунундагы төрт саптар («Маниге чоң гимн» 120дан ашык строфадан турат) ошол эле байыркы түрк поэтикалык салтынын нугунда түзүлгөн. Диний мазмундагы бул төрт саптар – манихей пантеонунун теңирлерине кайрылган гимндер. Төрт саптардын формалдык касиет-белгилери Орхон-Энесай чыгармаларынын поэтикалык курулушун кайталайт, бирок ырдын башталышындагы аллитерацияны ыраттуу сактоодон байкалган алда канча мыкты жетилген формасы менен айырмаланып турат. Ошондой эле, ырдын башталышынан эле өңчөй аллитерацияга дам койгон, строфалары ар түрдүү татаал ыр саптарынан турган «Таң шооласынын кудайына Гимн» деген чыгарма да белгилүү, бул да ошол эле байыркы түрк поэтикалык мектебине тиешелүү. «Түрк тилиндеги артыкча гимн» аталган чыгарма уйкаштардан бүткөн төрт саптардан турат, бул аталган тексттин алда канча кийин жаралганын ырастайт. Бул гимндеги строфалык роль ойнобогон, ырдын башталышындагы аттама аллитерацияны байыркы түрк ырынын салттары менен байланыш катары коргоого болот.

Өзгөчө буддалык чыгармалар кеңири учурайт. Бул адабият нечендеген кылымдар бою, көбүнчө кытай, тибет, тохар тилдеринен которулуп келген жана будда монастырларынын китепканаларында сакталган. Буддалык поэтикалык тексттер негизинен дубалар менен Будданын урматына багышталган гимндерден турат, ошондой эле будда дининин ар түркүн жоболорун чечмелеген түшүндүрмөлөрдү камтыйт. Биздин заманга чейин байыркы уйгур тилинде жарыяланган будда мазмунундагы чыгармалардын эң ириси – кара сөз түрүндөгү «Суварнапрабхаса» («Алтын шөкөт») сутрасы. (Сутра – санскрит тилинен, кыргызча учкул сөз, накыл кеп дегенге жакын – котормочудан). Чыгарма притчалардан, учкул сөздөрдөн, дубалардан туруп, будда окуусунун жоболорун камтыйт. Ал санскрит тилинен эмес, болжолу X кылымда кытайчадан которулган. Котормочунун аты-жөнү Бешбалык калаасынан чыккан Сынгу Сели Тудунг.

Байыркы уйгур тилиндеги башка да будда чыгармаларынан Васубандхуиун «Абхидхаракоша» (Билим кенчи», болжолу X кылым) поэмасынын кол жазмадагы котормосу, «Раджававадака» («Падышаларга насаат») чыгармасынын байыркы уйгурчага котормосунан үзүндүлөр, «Праджняпарамита» («Даанышмандыктын жетилиши»), булардан сырткары будда жатактары менен авадандарынын (Буддага байланыштуу уламалар – котормолору (маселен, Будданын жин-шайтандар менен кармашын сүрөттөгөн «Атаваке жөнүндө авадана») ж. б. белгилүү.

Байыркы уйгур адабиятынын төл чыгармалары болбогону менен бул чыгармалар орчун кызыгуу туудурат, анткени булар жөн-жай эле котормолор эмес, буддалык ыйык канондогу китептерди диний жана стилдик мүнөздөгү жергиликтүү катмарлар менен жуурулуштуруп, кайрадан иштеп чыгуу болуп эсептелет. Ошону менен катар мына ушул байыркы уйгур версияларында камтылган айрым уламыштар ошол эле санскрит, тибет же болбосо кытай тилиндеги редакцияларында учурабашын да белгилөө керек.

Ошондой эле байыркы уйгур тилинде уйгур жазмасында болжол менен монгол басып алууларына чейинки мезгилге туура келген христиан мазмунундагы чыгармалардан да үзүндүлөр бизге чейин келип жетти. Алардын бири – Инжилден «Олуялардын таазим этиши» үзүндүсү. Кантсе да, ушундай эле уламыш фарсы адабиятында да болгондуктан, байыркы уйгур тилине которуу согди тилинен ишке ашкан деп ойлоо керек, бирок мунун негизинде сирия тексти жатышы ыктымал экенин да көңүлдөн чыгарбаш керек.

Түрк тилиндеги адабият Күн чыгыштын башка элдеринин да адабияты менен кең-кесири карым-катнашта өнүккөн жана бул алакалар түрктөрдүн Орто Азиядагы таалим-таасиринин күч алышына жараша өөрчүп олтурган. Түрк тилиндеги адабияттын өсүп-өнүгүшүнүн жаңы мезгилинин башталышы Караханиддер династиясынын бийлиги астындагы түрк мамлекетинин түзүлүшү менен байланыштуу. Ошол мезгилде, X кылымдын акырында Орто Азияда Саманиддердин династиясын Караханиддер алмаштырганда, Саманид мамлекетинин борбору Букарда Рудаки сыяктуу акындын бөтөнчө чыгармачылыгын тартуулаган фарсы адабий чөйрөсү калыптанды.

Бийлик дөөлөтүнүн түрк династиясына өтүшү менен Орто Азиянын маданий турмушунда дээрлик эчтеме өзгөрүп кеткен жок, бул асыресе түрктөрдүн исламды кабыл тутушу (бул процесс X кылымдын ортосунда башталган) менен түшүндүрүлүп келет. Түрк төбөлдөрүнүн ордо босогосунда фарсы акындары баш калкалоочуларын табышты. Ал эми башкаруучулар аларды демелеп-кызыктырып эле тынбастан, өздөрү да фарс тилинде ыр жазышкан. Бирок түрктөр мусулман маданиятынын таасирине таазим этүү менен бирге өздөрүнүн тилин бүлүнтпөй сактап калышкан жана байыркы салттарынан караманча кол үзүп кетишкен эмес. Муну бизге чейин келип жеткен ошол доордун жазма эстеликтери күбөлөй алат.

* * *

1069-1070-жылдарында Кашкар калаасында киндик каны Баласагынга тамган Жусуптун «Кутадгу билиг» («Бак даарытчу илим») аттуу насыятчыл дастаны жаралды. Автордун өмүр-таржымалы тууралуу чеке жылытарлык даректер сакталбаптыр. Дастан авторго хас-хадтиб деген ардактуу даража ыйгарган Кашкардын өкүмдары Буура ханга арналган. «Кутадгу билиг» караханил мезгилинде уйгур тилинде жазылып, 6500дөн ашуун бетти камтып турат. Кезегинде ал кыйла жерге таркап, далай элге даңаза болгон. Дастанды «Башкаруунун адеби», «Бийликтин мыйзамдары», «Атактуулардын жасалгасы», «Падышаларга кеңеш» деп аташкан, ал эми ирандыктар дастандын мазмуну шайкеш келбесе да «Түрк Шах-намеси» деген ат берген. «Кутадгу билиг» месневи формасында, араб-фарсы ыр түзүлүшү аруздун мутакариб өлчөмүндө жазылган. «Кутадгу билиг» менен түрк тилиндеги классикалык поэзиянын тарыхы башталат.

Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билиг» этико-дидактикалык дастаны төрт тарабы төп келишкен башкаруучунун жана анын жооптуу орундардагы кыяматчыларынын турмушун баардык тарабынан камтыйт. Акыл-насаат айтуу, математика, астрономия, медицина өңдүү илимдердин ар түркүн тармактарынан алынган маалыматтар менен коштолот. Жолун жолдоп жүрүш үчүн өтө зарыл үлгү катары ирандык даңазалуу падышалар менен баатырлар көрсөтүлөт.

Түрк тилиндеги классикалык поэзиянын туңгуч чыгармасынын мусулманчылыкты жолдошу мыйзам ченемдүү. Нукура мусулманчылыкты бекем туткан соң Мавереннахрды бийлөөчү катары өкүм сүргөн түрк династиясы үчүн өтө пайдалуу идеялар туюнтулуучу мындай чыгарманы Караханиддер абдан жактырышмак. Ошол эле учурда үлгү катары бийик туткан араб, фарсы адабияты менен мыкты тааныш экенине эч шек туудурбаган автор  гана ушундай чыгарманы жарата алмак.

Бирок мамлекетти туура башкаруу жөнүндөгү эмгегин жазып жатып, Баласагындык Жусуп өз алдына өтө эбегейсиз милдетти – түрк тилиндеги көрөсөндүү поэтикалык чыгарманы жаратуу милдетин койгон. Дастанда ал акыл менен курулган жана адилеттикке бекем таянган мамлекет тууралуу өз көз карашын чагылдырган. Автор орто кылымдагы илимдердин баардык тармактарынан жетик кабардар болгондуктан, анын эмгеги да бул сыяктуу чыгарманы жаратууга зарыл талаптарга толук жооп бермек. «Кутадгу билигдин» кириш бөлүгү кудай тааланы жана Мукамбет пайгамбарды даңазалоо, бийлик ээсине арноо сөз, китептин мааниси жана ал кай себептен жазылды деген маселелер камтылган месневи жанры үчүн мүнөздүү киришүүдөн турат. Андан соң месневиде эркин кетүүгө жол берген дастандын негизги бөлүгү башталат. Баласагындык Жусуп дастандын негизги бөлүгү үчүн төрт адамдын: Күн Тууду акимдин, анын увазири Ай Толдунун, увазирдин уулу Үктүлмүштүн жана бир тууганы Үктүлмүштүн өз ара сүйлөшүү формасын тандап алган. Сюжет деген дээрлик жок. Дастандын корутунду бөлүгү чыгыш поэзиясы үчүн салттуу-карылыкка арман кылуу, достордун жүзү каралыгы жана дүйнөнүн кыйрап жок болушу, ошондой эле өзүнө-өзү акыл айтуу өңдүү бөлүктөрдөн турат. Месневи жанрына рубаи тариздеги эки жүздөн ашуун төрт саптарды жалгаштыруу жана да корутунду бөлүмдүн касыда формасында жазылышы – «Кутадгу билигдин» айырмалуу белгиси. Мына ошентип, кийин-кийин түрктөрдө да өз-өзүнчө адабий жанр болуп калыптанган араб жана фарсы поэзиясындагы бир канча жанрларды бул чыгарма түрк тилиндеги классикалык поэзиянын тарыхында биринчи ирет өз ичине камтыган.

«Кутадгу билигде» отурукташкан калкы бар эбегейсиз кең өлкөнү башкарууга толук жетишээрлик тажрыйбадан таш жалак караханид акимдерине кайрылып айткан автордун бир далай кеңештери да бар. Автордун ою боюнча башкаруунун кынтыксыз системасын түзүү, кызматчыларды ишке чегүүдө аларды өзүнчө тандоо, алык-салык системасын иретке келтирүү (байлыктын өлчөмүнө жараша алуу жана адамдардын мүмкүнчүлүгүнөн ашырып жибербөө) өтө зарыл. Баласагындык Жусуп феодалдардын ээн баштыгы менен зордукчулугуна, бөлүп-жаргыч ич ара согуштарга каршы чыгат, мамлекетти борборлоштуруу идеясын жан дили менен коргойт, соода-сатыкты, илимди жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө чакырат. Дастандын көп сандаган бөлүмдөрүндө ордодогу жана мартабалуу орундагы кызматчы адамдарга (аскер башчысына, элчиге, казначейге ж. б.) өтө зарыл сапаттар ирети менен сыпатталат, башка түркүмдүн (сословиенин), кесиптин өкүлдөрү (акындар, жер ээлери, соодагерлер, асман сырын тескөөчү, дарыгер жана мал доктурлар) менен кандай мамиле жасаш керектиги көрсөтүлөт, үй-бүлөдө жана турмуш-тиричиликтеги жүрүм-турумдун эрежелери аныкталат. Эгер аким адилеттик, акыл-эс, бакыт жана топуктук деген төрт негизги касиетти айкалыштыра алса анда көксөгөн максатка жетиш мүмкүн. Автор жарды-жалчысы жок, маданияты көкөлөп өскөн, каерде болбосун бейпилдик өкүм сүргөн, байманасы ашып-ташып гүлдөгөн мамлекеттин утопиялык сүрөтүн түзгөн. Ошол эле учурда адамдын изгилигин даңазалоо менен катар ал эки жүздүүлүк, жалгандык, ушактар, көрө албастык, сүткорлук, сараңдык сыяктуу бузуку залалдарга каршы чыгат.

Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билиг» дастанында ар түркүн көркөм ыкмалар – салыштыруулар, эпитеттер, аллегориялар, метафоралар өтө жыш. Асыресе, метафоралык салыштыруулар менен аллегориялар көбүрөөк колдонулат. Адам бактысынын туруксуздугу менен тагдырдын ырайымсыздыгы, кишилердин дүйнө-мүлктүн артынан сая түшүшү мына ушундай ыкма менен чагылдырылган. Негизинен катышкан адамдардын диалог менен монологдорунан турган дастан риторикалык суроолор, кайрылуулар жана сырдык сөздөр менен туюнтуулар өңдүү поэтикалык синтаксистик ыкмаларга’да өтө бай. Дастандын автору көчмөндөрдүн турмуш-тиричилигиндеги жана аңчылык өнөрүндөгү майда барат көрүнүштөрдү да текстке киргизген. Чыгармада түрк элинин оозеки чыгармачылыгын мыкты билгендикти тастыктаган санат-насыяттар, учкул сөздөр, макалдар менен фразеологиялык түрмөктөр жыш учурайт. «Акылдын көркү – тил, тилдин көркү – сөз. Адамдын көркү – жүзүндө, жүздүн көркү – көздө. Киши тил аркылуу сөз айтат. Эгер анын сөзү татымдуу болсо, анда анын даңкы тарайт». «Билим – байлык, ага жетсең кем болбойсуң, аны сенден ууру да, алдамчы да тартып ала албайт. Сүрөттөп көрсөтүүнүн тактыгы жана көркөмдүгү жагынан табияттын жаз маалындагы кулпурушун көрсөтүүгө арналган дастандын IV бөлүмүнө киришүү бөтөнчө көңүлдү бурат.

– 1072-жана 1083-жылдарда Багдадда араб тилинде «Диван лугат ат-түрк» («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы») деген чыгарма пайда болду. Авторунун толук аты-жөнү-Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Анын атасы Ысык-Көл жээгиндеги Барсхан деген шаардан чыккан. Махмуд ал-Кашгари өзү тууралуу мына буларды: ал өзүнүн согушчандыгы менен даңазалуу нукура түрк уруусунан экенин, түрк тилинде эң мыкты сүйлөй аларын жана түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягма менен кыргыздардын наречкелеринин айырмачылыктарын, ийне-жибине чейинки сырларын изилдеш үчүн ал өзү түзгөн сөздүктөгү «сөздөрдү» жыйнап, алардын шаарларын, айылдары менен жайыт-жайлоолорун бүт кыдырып чыкканын маалымдайт. Автордун өмүр-таржымалы жөнүндө маалыматтар сакталбай калган. Анын эмгегиндеги айрым эскертүүлөр жана башка тарыхый даректер ал Караханид династиясына караштуу деп жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет. Саясый куугундан баш калкалап, ал акыры Багдадга кире качат, өзүнүн айтылуу эмгегин да ошерде жазып, арабдардын калыйпасы Муктади биллахуга (1075-1094-жылдары бийлик жүргүзгөн) тартуу кылат. «Диван лугат ат-түрк» лингвистикалык жана тарыхый-этнографиялык булак катары кызыктуулугунан сырткары, Махмуд ал-Кашгари ар бир сөзгө мисал иретинде келтирген түрк тилиндеги чыгармалардан эки саптар, төрт саптар, поэтикалык үзүндүлөр мол экендиги менен да өтө баалуу. «Дивандын…» жападан жалгыз кол жазмасы XIX кылымдын акырында Турциядан табылган жана 1915–1917-жылдары Стамбулдан басылып чыккан. Кийинчерээк бул чыгарма түрк жана өзбек тилдерине которулуп жарык көрдү.

«Диванга…» камтылган төрт саптар менен эки саптар ыр өлчөмүнүн жана уйкаштын негизинде, ошондой эле маани-мазмунуна жараша строфалык жана строфага жатпаган баяндоолорго бириктирилиши мүмкүн – ал бир учурларда чубалжып өтө узун, башка бир жерде – кыска.

«Дивандын…» поэтикалык тексттеринин формалдык жактарын талдап келгенде – чү деген жерде ушул маселе иликтөөгө алынган, анткени тексттердин кийинки убактарга чейинки туруш-турпаты (бириндеген строфалардын жыйындысы) кең-кесири адабий талдоолор жүргүзүүгө жол берген эмес – изилдөөчүлөр баарынан мурда: балким, бул адабий чыгарманын үзүндүсүдүр же бул фольклордук чыгармадыр? деген суроого такалышкан. Акыры, «Дивандагы…» тексттер исламга чейинки мезгилге таандык болуп, бирок мусулманчылыктын таасирлери өз тамгасын баскандыктан, жалпынын пикири Махмуд ал-Кашгаринин «Диван лугат ат-түрк» сөздүгү түрк фольклорунун да, адабияттын да үлгүлөрүн камтып турат деген бүтүмгө келди.

Бирок көшөрүп изилдей келгенде «Дивандагы…» поэтикалык үзүндүлөр кээде кынтыксыз кыналган, кээде «Кутадгу билигдеги» өлчөмдүк жагынан калпыстыктар кеткен аруздун ар түрдүү өлчөмдөрүндө жазылгандыгы ачык-айкын болот. Мындай болгон учурда «Диванга»… кирген поэтикалык текстерди фольклордук деп эсептөө мүмкүн эместир. Бул жерде Махмуд ал-Кашгаринин аткарган ролу, балким, эки жактуу: ал араб-фарсы ыр өлчөмдөрү менен жазылган, мурдатан эле белгилүү чыгармаларды билген жана өз чыгармасында алардан үзүндү келтирген, же болбосо өзү жыйнаган түрк элинин поэтикалык материалдарын аруздун тигил же бул схемасына салып, кайрадан иштеп чыккан. Неси болсо да, эки божомол тең катарлаш болушу ажеп эмес.

«Диван лугат ат-түрк» эмгегинде камтылган поэтикалык тексттердин композициясын кайрадан түзүп чыккан соң аларды аскер, махабат, анакреонт, элегия, табият, адеп-актык, мифология жана турмуш тиричилик сыяктуу не бир түркүн темаларга арналган, бир бүтүн чырмалышкан чыгарма деп кароого мүмкүндүк берет.

«Диванга…» кирген поэтикалык тексттерди салыштырып изилдөө алардын байыркы түрк, асыресе Орхон чыгармалары менен жалпы композициялык жагынан да, окуяларды сыпаттап көрсөтүүдөгү айрым ыкмалары жагынан да экөөнө орток окшош белгилерди табууга болот. Айрыкча, «Дивандык…» түрктөрдүн салгылашуусуна арналган тексттер Күл-Тегиндин жана Тон-ёкуктун урматтарына багышталган Чоң, Кичи жазуулар менен салыштыруу өтө бай материал болуп берет. Ошол эле учурда «Диванга»… топтолгон чыгармалар «Кутадгу билиг» дастаны менен, айрыкча санат-насыят ырлары менен жалпы окшоштуктары бар.

Поэтикалык тексттер менен катар «Диван»… көптөгөн фольклордук материалдарды – макал, ылакаптарды, табышмактарды да камтып турат. «Дивандагы…» «Алп Эр Тонгунун өлүмүнө элегия» деген тексттин негизине таянып, Фирдоуси айтылуу «Шах-намесинде» жазган Турандын өкүмдары, байыркы ирандык баатыр Афрасият менен окшоштурулган байыркы түрк баатыры Алп Эр Тонгунун эрдиктери жөнүндөгү баатырдык ырлардын же улама баяндардын цикли XI кылымда эле болгон деп болжолдосо болот. Мындай божомолдун шексиз туулушун Баласагындык Жусуп «Кутадгу билиг» дастанында жазган бул баатырдык теңдешсиз таанымалдыгы ырастай алат:

Түрк бектери ичинен анын ысмы белгилүү,

Тонгу Алп деп аташкан; ал билими менен даңктанган,

Акылдуу жана көрөгөч болгон,

Алп Эр Тонгуну тажиктер Афрасияб деп аташкан, Жүрүшкө чыгып Афрасияб, өлкөлөрдү караткан.

Түрк тилиндеги туңгуч дастан – Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билигинин» соңунан XII кылымдын акырында (же XIII кылымдын биринчи жарымында) Ферганада «Хибат ал закаик» («Чындыктардын белеги») деген ат менен дидактикалык адабияттын дагы бир эстелиги пайда болду. Мунун автору жөнүндө жарыбаган маалыматтар сакталып калыптыр, Ырас, анын толук аты-жөнү Ахмад ибн Махмуд болгону Самаркандын чет жакасындагы Югнак (анын Югнаки деген ылакап аты да ушундан) шаарынан чыкканы белгилүү. Акын тубаса азиз болгон. Ал өзүнүн эмгегин Дад-Сипахсалар бекке арнаган, сыягы ал шаар акими болсо керек. Китеп 14 бөлүмдөн турган, бирок бизге чейин бар болгону 7 гана бөлүмү келип жетти.

Ахмад Югнаки өзүнүн чыгармасын месневи үчүн салттуу Алланы, анын пайгамбары Муканбетти жана биринчи төрт калыйпаны мактап-даңктоо менен баштайт. Андан соң ал бу дастанды жазууга мажбур эткен себептерди баяндоого өтөт. Дастандын негизги бөлүгү билимди даңазалап, түркөйлүктү айыптоого арналган бөлүкчө менен ачылат. Экинчи бөлүкчөдө ашкере келжиректик менен калптын зыяндуулугу жөнүндө сөз болот. Андан ары бу жарык дүйнөнүн опасыздыгы, убакыттын томолоктугу жана адамдын үмүт-тилеги курулай экени жөнүндөгү темага арналган бөлүкчө уланат. Андан аркы бөлүкчөлөрдө Ахмад Югнаки аксымдык жөнүндө, жоомарттык менен айкөлдүк жөнүндө ой жүгүртөт, сабырдуулукка чакырат, анткени анын айтканына караганда жамандык да, жакшылык да – баары өтөт да кетет. Дастандын корутундусунда автор алаамат заман келгени жөнүндө зарланат: жакшылык, ишеним деген эми болбойт, «кудайга тооп кылуу эки жүздүүлүккө айланды», «араккана көчөлөрү» гүлдөдү, храмдар болсо кыйрап атат, мунун баардыгына тыюу салынган жана салынбаган нерселердин (Куранда айтылган буйруктарга ылайык) айырмасын унуткан адамдар гана күнөөлүү.

Баштапкы муфизмдин духу менен сугарылган (IV бөлүкчө) бу дастан шумдуктуудай кол жеткис моралдык талаптарды коёт, бирок Ахмад Югнакинин чыгармасы менен Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билигин» салыштырып көрсө, анда эки чыгарманын көптөгөн адепактык категориялары дал келишсе да, алар ар түрдүү максаттарды көздөп айтылат. Баласагындык Жусуптун дастанын күндөлүк жашоо тиричиликке жана мамлекетти башкаруу иш-чараларына колдонмо катары караса болот, ал эми Ахмад Югнакинин чыгармасы турмуштун конкреттүү кубулуштары менен караманча байланышпаган адеп-актык жактан өзүн-өзү жетилтүүгө чакырат.

«Хибат ал-хакаик» дастаны «Кутадгу билиг» сыяктуу эле аруздун өлчөмү – мутакариб менен жазылган, бирок анын негизги бөлүгү месневи формасында эмес, түрк тилиндеги поэзияга мүнөздүү төрт саптар менен, көбүнесе рубан тибинде жазылган.

Суфизм философиясы араб, фарсы жана түрк тилдеринде бай адабиятты жаратты. Үзүнүн өмүр сүрүшүнүн алгачкы баскычтарында бул адабият (асыресе поэзия) өтө жөнөкөйлүгү, эл арасына кеңири таанымал ыр формасын жана элдик обондорду пайдаланышы менен айырмаланган. Бул суфизмди жолдогон адепки акындар биринчи кезекте карапайым калкка кайрылышы менен да түшүндүрүлөт.

Фарсылардын баштапкы суфийлериндегидей эле, төрт сап ыр түрктөрдүн арасында да бөтөнчө кеңири колдонулган. Орто Азиялык суфий Ахмад Ясавинин (1166-жылы дүйнөдөн өткөн) «Диван-и хикмат» («Даанышмандыктын жыйнагы») китебине кирген белгилүү төрт саптарында пайгамбардын (Муканбеттин) жана Ахмад Ясави кожонун өзүнүн турмушунан алынган чыныгы окуялар санатнасаат максатында баяндалат имиш. Ырлардын башка бөлүгү – лирикалык мазмунда. Ал ыр саптарында суфий адабиятындагыдай эле, образ-символдордун иштелип чыккан жана таасын такталган системасынын жардамы менен экстаздуу ал-абалдын түркүн баскычтары сыпатталып баяндалат.

Ахмад Ясави далай кылымдар бою суфилик шайыктардын ашкере даңазалуусу, дербиштердин Жахрия орденин негиздөөчү болгон. «Диван-и хикмат» жыйнагына кирген ырлардын басымдуу көпчүлүгү өзүнө эмес анын шакирттерине, кийинки жолун жолдогондорго таандык. (Ахмад Ясави өзү дегеле ыр жазган эмес деген пикирлер да бар.) Баардык кол жазмалар жана кийинки-кийин басылып чыккан китептер бири-биринен кыйла айырмаланып турат, ошондуктан «Диван-и хикмат» бир топ кийинчерээк түзүлгөн жана да Ахмад Ясавинин хикматтары далай мезгил бою оозеки түрүндө айтылып келген, мунун айынан ал бир топ бурмалоолорго кириптер болгон. Ошондон улам «Диван-и хикматты» суфилик авторлордун бир топ муундарынын адабий чыгармачылыгынын жемиши деп кылчактабай айтса болот. Негизинен, суфилик акын эл арасындагы угуучуларга кайрылуу менен, албетте, аудитория үчүн көнүмүш поэтикалык формаларды пайдаланган, көп учурда өзүнүн акыл-насаатын мурдатан бар ырларга жаңы мазмун кийирүү менен кайманалап туюнткан. Ошондуктан Ахмад Ясавиге энчиленген ырлардын жыйнагы – алда канча мурдакыларын жана алда канча кийинкилерин бөлүп көрсөтсө боло турган ар түркүн элементтердин бөтөнчө кошулмасы.

* * *

Классикалык поэзиянын баштапкы доорунун бизге чейин сакталып келген эстеликтери диндин, философия менен укуктун татаал айкалышы – исламды кабыл тутуу менен байланышкан дүйнөгө деген жаңы көз караштын уңгулуу принциптерин өздөштүрүү жана иштеп чыгуу кандайча келип чыкканын көрсөтүп турат. Жүрө-жүрө түрк тилиндеги классикалык поэзиянын ажырагыс негизги элементтеринин бири болуп калган араб-фарсы поэтикасы жетектөөчү орунду жеңип алат. Буга мезгилдеш эле, адегенде чет элдик поэтикалык үлгүлөргө ылайык иштелип чыккан ыр түзүлүшүнүн нормалары менен түрк тилдеринин табыйгый касиеттеринин ортосунда туруктуу тең салмактуулук түзүлө баштайт. Мына ушунун баардыгы араб-фарсы поэтикасынын түрк тилдүү чөйрөдө орун очок алышына ыңгайлуу жагдайларды түзгөн, натыйжада келечекте кайталангыс көркөм чыгармалардын пайда болушун шарттаган.

Которгон Каныбек ЭДИЛБАЕВ.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу