Томдук

Кыргыздар 3-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

                                                                3-ТОМ

                                                 Тарыхый булактар

Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Антологиянын 3-томуна кыргыздардын жана Кыргызстан тарыхынын ар кыл маселелерин чагылдырган макалалар киргизилди. Анда Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы, кыргыз элинин этногенезиси, каада-салты, үрп-адаты, колониялык доордогу элдик кыймылдар сыяктуу жана башка баалуу материалдар камтылды.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНОГЕНЕТИКАЛЫК ЖАНА ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШЫ

Кыргыз элинин жаралыш тарыхы Борбордук Азиянын этникалык тарыхындагы талаш-тартышы көп өтө татаал аспектилерден. XVIII кылымдын экинчи жарымынан баштап бул маселе орус, батыш европа, чыгыш тарыхчыларынын, географтарынын жана хронисттеринин көңүлүнүн борборун ээледи. Кыргыздардын этникалык тарыхын ар тараптуу изилдөөдө толгон-токой гипотезалар жаралды, ой жоруулар жана божомолдор айтылууда. Биздин күндөрдө да кызыгы тарабаган бул маселенин көңүлдүн борборунда болушу «кыргыз» деген бирдей наам менен тарыхый булактарда эки этникалык коомчулуктун: бири байыркы кезде – Түштүк Сибирде, Енисей боюнда, экинчиси кийинчерээк Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө, Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунда орун алганы жана да көптөгөн башка себептер менен түшүндү рүлөт. Кыргыздардын этникалык тарыхына өтө кызыгып, көңүл буруунун дагы бир себеби: азыркы кыргыз элинин кубарзан, ата-бабаларынын байыркы замандарда жана орто кылымдарда жашаган бир катар элдердин жана уруулардын тарыхый тагдырынын түп орду менен өзгөрүш үндө өзгөчө ролду ойногондугуна да байланыштуу.

Акыры кыргыз элинин этногенезин жана этникалык тарыхын изилдөөдө үч багыт пайда болду. Анын бири окумуштуу А. Н. Бернштамдын кыргыздар Тянь-Шанга 1300–1400-жылдарга созулган мезгил ичинде «көп этаптуу» көчүп келгендиги жөнүндөгү гипотезасы. Бул гипотеза монголдор басып алганга чейинки кезде эле кыргыздар Тянь-Шанда жашап турушкан деген ойду жактоочулар жаратты. Кыргыздар Тянь-Шанда, Памир–Алай тоолорунда байыртан бери жашап келатканын жактоочулардын багыты да А. Н. Бернштамдын гипотезасы менен жакындашканы ырас. Бул көз карашта Н. Я. Бичурин, Ч.Ч.Валиханов, Н. А. Аристов өңдүү XIX кылымдын изилдөөчүлөрү бекем турушту. Бул маселедеги Ч.Ч. Валихановдун көз карашын биздин күндөрдө, айрыкча кийинки кездерде А.X. Маргулан кеңири өнүктүрдү жана негиздеди.

Ч.Ч. Валиханов айткан бир топ ойлордон улам А.X.Маргулан IX–X кылымдарда кыргыздардын саясий биримдигинин борбору Турпандын түндүк тарабындагы Үрүмчү шаарында жайгашкан деген жыйынтыкка келген. Анын айтканына караганда, Тянь-Шань тарапка көчүп келаткан айрым күчтүү топтор бул жерде жашаган элге да кыргыз наамын беришкен.

Кыргыздардын негизги бөлүгү байыртадан бери бул жерде жашайт деген ойду бекемдегендер да бар. Бирок кыргыздардын автохтондуулугу (кыргыз эли байыртан бери бир гана жерде жашаган деген божомол – ред.) же негизги бөлүгү жашаган дегендин далили жок, анткен менен бул ой айрым бир теорияларга таянуу менен азыр да сакталып келатат. Маселенин бул багыты Кыргызстандын айрым тарыхчыларына белгилүү таасир көрсөтүүдө.

Үчүнчү багыт окумуштуу К.И. Петровдун изилдөөс үнөн пайда болуп, ал кыргыз этносунун «Енисей–Иртыш дарыяларынын аралыгынан» эки-үч этаптуу көчүп келишине байланышат да, ал кийинчерээк болгонун, көчүп келүү 300–400 жылга созулганы айтылат.

Чындыгында, кыргыз эли жергиликтүү жана көчүп келген элдердин этникалык тыгыз байланышынан жаралган. Анын башкы өзгөчөлүгү, айтылып жүргөндөй, «көп кырдуулугу» кыргыздардын этникалык тарыхы Борбордук Азиядагы, Түштүк Сибирдеги, Орто Азиядагы, азыркы Казакстандын чөл кеңдиктериндегн этникалык кубулуштардын ар түрдүү мүнөздөгү байланышынан барып жаралгандыгын эске албоо кыйын.

Кыргыз элин жараткан уруулардын калыптануу процесси өтө зор территорияда жүргөн жана узак убакытты талап кылган. Азыркы изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү кыргыз урууларынын кубар-зан ата-бабаларынын жаратылышында эң байыркы сак жана усун, динлин жана гунн уруулук союздары менен байланышы бар деген жыйынтыкка келишти.

Кыргыз элинин этникалык тарыхын жана этногенезинин проблемаларын кароодо жаралган маселелерге этнография илими туура жооп табары белгилүү.

Кыргыз элинин түзүлүшүнө алып келген этникалык процесстерди туура түшүнүүдө «кыргыз» этноними маселесин тигиндей же мындай трактовкалоо белгилүү мааниге ээ. Албетте, кыргыздардын «бурут» наамына байланыштуу этнонимдик тарыхына жана этимологиясына кийлигишпей туруп бул жерде анын этникалык мазмуну жөнүндө бир нече ой айтууга болот. Бирок бул ойлор өзүнүн жаралганынан бери белгилүү этникалык мазмуну бар «кыргыз» этнонимин каалагандай пайдаланууга (мурда ошентишкен, азыр да кээ бир изилдөөчүлөр ошентет) жол бербейт.

Бул маселени чечүүдөгү барып турган кыйынчылык «кыргыз* этнонимине таандык эл (эң эле кур дегенде XVI–XVIII кылымдарда) бир эле мезгилде Түштүк Сибирде, Чыгыш Түркстанда, Тянь-Шанда, Памир–Алайда, Орто Азияда, казак чөлдөрүндө, Уралда (башкырлардын арасында), башкача айтканда, бири экинчисинен алда канча алыс турган территорияларда жашагандыгы менен түшүндү рүлөт. Мунун өзү эле кыргыздардын этникалык тарыхы Орто жана Борбордук Азияда, ага жанаша орун алган областтардагы көптөгөн уруулардын жана элдердин калыптануу тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин далилдеп олтурат.

Енисей дарыясынын башатынан ар алыста – ТүштүкБатышта жаткан Ура-Төбөгө, Афганистандын Бадахшанына чейинки аралыкта «кыргыз» наамын алып жүргөн элдин жашап жатканын деги кантип түшүндүрсө болот? Биздин доордун I кылымдын аягында бул наам кимдерге таандык болгон: саясий биримдиккеби, уруулардын башкаруучу-территориялык же аскердик-көчмөн ынтымактыгынабы? Эгерде ошо кезде (IX–X кылымдар) кыргыз мамлекетинин болгондугу жөнүндөгү тарыхый булакка таянсак, анда аны уруулук салттар башкарган алгачкы феодалдык типтеги мамлекет болгон деп түшүнүүбүз зарыл. Ал мамлекет биримдигине кирген уруулар өз этнонимин уруулук наамын сактап турушу да мүмкүн эле. Андыктан IX–X кылымдарда кадимкидей калыптанып калган «кыргыз» наамындагы элдин болгондугу жөнүндөгү кээ бир окумуштуулардын далилин таңуу кыйын.

Сыягы этникалык жалпылыктын тарыхый этабы кабылдаган кыргыз элинин түзүлүшү бир топ кыйын болгон окшобойбу. «Кыргыз» деген наамды эч ким өзүнө «ыйгарып алган» эмес, ал бара-бара тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө, кыргыз этносунун түзүлүш процессинде гана этникалык жеке наам катары бекемделген. Мындан ондогон жылдар илгери кыргызмын деп өзүнүн улутун атаган адам сөзсүз түрдө уруусунун наамын да кошумчалаганы мына ушуга байланыштуу болушу ыктымал.

XX кылымдын башында тээ алыскы Куэнь-Лунь тоолорунун арасында жашаган кыргыздардын негизги тобунан четте калган кичине топ кыпчакпыз дешкени менен негизинен өздөрүн кыргыздар деп эсептешкен. Анткени өткөн кылымдарда өздөрүнүн негизги «ядросунан» ар түрдүү себеп менен бөлүнүп калган бир катар уруулар саясий биримдикке тиешелүү жалпы наамды кабыл алуу менен бирге өз уруусунун наамын да жоготушкан эмес.

Тарыхтын байыркы этаптарында, кыргыз «улуу державасы» айрыкча бир күчөгөн мезгилинде «кыргыз» деген наам этникалык гана эмес, саясий мааниге да ээ болсо керек. Ал кезде кыргыз наамындагы уруулар Мин суу (Минусинск) өрөөнүндө, Саян-Алтайда, андан Түштүктө, Түштүк-Батышта, Жунгария территориясында жана Чыгыш Түркстанда да жашап турушкан.

Татаалданган бул маселеге диалектикалык мамиле жасоо менен «кыргыз» наамынын X–XI кылымдарга чейинки географиялык тарашы этникалык ядрого караганда алда канча көбүрөөк болсо, X–XI кылымдардан кийинки мезгилде, тескерисинче, кыргыз этногенезине катышкан уруулардын кулачы «кыргыз» этноними тараган территорияга караганда бир топ кеңири жайылган. Айрым изилдөөчүлөрдүн кыргыздарды «кыргыз» деген наам таандык болгон жерлерден гана издеп жаңылап жатканы да ушундан. Мындай мамиле изилдөөчүлөрдү «сыйкырлагандай» ушу багытты көздөтүп, бул наамдан сырткары этникалык топтор кыргыз этногенезине тиешеси жок катары изилденбей калган.

Акыры аягында, бул маселени чечүүдө кыргыз элинин пайда болушуна катышышы ыктымал бардык урууларды, этникалык топторду эсепке алуу менен тарыхый-конк реттүү мамиле жасоо керектиги келип чыгат. Кантсе да кыргыз элинин түзүлүшүнө төмөнкүдөй бир катар шарттар талап кылынды:

а) уруулардын бири-бири менен карым-катнашын жеткиликтүү камсыз кыла алган дээрлик туруктуу территориянын болушу; б) бардык уруулар пайдалана билген жалпы бир тилдин болушу; в) чарба жүргүзүүнүн ар кандай формалары менен алака түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар чарба системасынын бар экендиги; г) конкреттүү тарыхый абалда ар кандай уруулардын бирин экинчисине белгилүү жакындыкка түрткөн жана тарыхый-маданий карым-катнаштын процессинде пайда болгон маданийтурмуш тиричилик өзгөчөлүктөрүнүн жакындыгы; д) идеологиялык көз караштагы жана сыйынуу-ишениминдеги жалпылык; е) коңшулаш башка элдер жана уруулар менен байланыштын негизинде ал уруулардын тобун бир ынтымакка же конфедерацияга бириктирген социалдыксаясий факторлор; ж) элди – жаңы, кеңирээк этникалык жалпылыкты ага тиешелүү экендикти таанып билүү.

Ушундай шарт ошол кезде болгону, үстөмдүк кылганы белгилүү, Орто кылымдарда эле кыргыз элин түзгөн уруулардын жалпы территориясы жалпы тили (уруулук диалекти менен) болгон. Урууларды этникалык өзүн өзү таануусунун жалпылыгы жаралган. Алар көчмөн турмуш өткөрүп мал чарбачылыгын мергенчиликти кесип кылышкан жана патриархалдык-уруулук турмуш тиричиликтин патриархалдык-феодалдык коомдук мамиленин шартында жашашкан, уруулук өзгөчөлүктүн жана өз алдынчалыктын сакталганына карабай алардын жалпы маданиятында окшоштук пайда болгон. Ошентип ойрот феодалдарынын кол салышы территориялары жакын жана да көп жагынан туугандашкан уруулардын социалдык-саясий толук биримдикке жетишүүсүнө түрткү болду жана мүмкүнчүлүк түздү.

Жогоруда аталган шарттар ар кандай ар түрдүү, болгонуна карабай акыр аягында кыргыз элинин жаралышын камсыз кылды. Бул татаал процесс XIV–XV кылымдарда башталып, XVI–XVII кылымдарда өтө интенсивдүү жүргөн.

Азыр кыргыздардын 1 млн. 452 миңи (1970-жыл) СССРде, 71 миңи (1953-жыл) Кытай Эл Республикасында жана 15 миңи Афганистанда жашайт. Өзбек, Тажик ССРлеринде 146 миң кыргыздар, дагы да айрым топтору башка республикаларда жашайт. Кытайдагы кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда, 50 миңге жакыны Кызылсуудагы кыргыз автономиялуу округунда отурукташкан.

Афганистандагы кыргыздар чоң жана кичине Памирде, Гиндикуштун тоолорунда көчүп-конуп тиричилик өткөрүүдө.

Ошентип кыргыздардын таркалуу ареалы – түндүктө Тянь-Шань тоолорунан түштүктөгү Куэнь-Лунь жана Гиндикуш тоо кыркаларына, Чыгышта Куча өрөөнүнөн Батыштагы Түркстан тоолоруна чейинки өтө кеңири аралыкты ээлейт.

Чыгыш Тянь-Шань жана Тянь-Шань тоолоруна жакын жерлер (негизинен Жунгар, Кашгар жерлери) жана Иртыштын өйүз-бүйүзү кыргыз урууларынын тарыхый жана генеалогиялык көз караштагы байланышы менен кызыгуу туудурат. Өз убагында А. Н. Бернштам VIII жана IX кылымдын башталышына тиешелүү тарыхый документтерде (Ф. Томас жарыялаган Тибет документтери) Тибетке жакын райондордо жана Чыгыш Түркстанда кыргыз уруулары жашагандыгы жөнүндө айткан. Лобнор тили боюнча изилдөө жүргүзгөн окумуштуу С. Е. Малов бул тил байыркы кыргыз тилинин түздөн-түз бүгүнкү уламасы деген жыйынтыкка келген.

Этнографиялык изилдөөлөр да бул территориялардын илгертен берки этникалык байланышын бекемдеди. Материалдык маданиятка тиешелүү этнографиялык параллелдер гана эмес, кыргыз урууларынын Чыгыштан Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга, Памирге карай жүрүшү жөнүндөгү тарыхый мурастан, көптөгөн санжыралар, топонимика, фольклор жана башкалар далилдегендей кыргыз урууларынын көрсөтүлгөн территорияда таркашы кээ бир мезгилдерде азыркыга караганда бир топ кеңири болгон. Алар ал кездерде Тибет менен Кашмирдин жака белиндеги жерлерге чейин таркап, азыркы Цинхай провинциясынын байыркы жашоочулары менен карым-катнаш жасап, Хотанга жакын тоо райондоруна да жайгаш ышкан.

Адабий булактардагы далилдөө жана этнографиялык жазмалар көп жагынан бул байланыштарды документтештирди. Мисалы, кыргыздарда тээ байыртадан келаткан жылан, кара курт чакканда дубалоочу салт (бадик деп атал ат) бар. Дубанын биринде жылан жана кара курт, чаяндын уусуна тиешелүү жамандыкка каршы сөздө: «Кө көноордун көлүнө көч! Какшаалдын чөлүнө көч!» – деп айтылат. Көкөноорду кыргыздар кандай билет да Тибеттин жакабелиндеги бул райондун кыргыздарга кандай тиешеси бар? Кээ бир айтууларга жана географ А.В. Станишевскийдин керсөткөнүнө караганда кыргыздардын айрым бир топтору кечээ жакында эле Тибетке чейин кирип барышкан. Азыр да Тибеттен анча алыс эмес Куэнь-Лунь тоолорунда кыргыздардын майда топтору жашайт.

Мына ушул планда Н. М. Пржевальский тарабынан өз убагында учкай жазылып калган мачиндер аталган – жарым жартылай отурукташкан тоолуктардын тобу көңүл бурууга арзыйт. Айрым бир санжырачылардын айтуусуна караганда бир нече жүз жыл илгери кыргыздар Хотан тоолорунда, башкача айтканда, өздөрүн мачиндер деп атагандар отурукташкан жерге жакын аймакта жашаган.

Борбордук Азиядан чыккан Кыргыз элинин составына кирген этникалык топтордун Тянь-Шанга келген жолун изилдөө маселесинде илгерки кыргыздардын көчү Чыгышта Күнгөс дарыясына жана Жылдыз (чоң, кичине Жылдыз) өрөөнүнө чейин баргандыгы жөнүндөгү далилдер жана маалыматтар өтө маанилүү. Аталган өрөөн-жайыттар Алтайдан Ысык-Көлгө чейинки аралыктын тең ортосунан орун алган.

Күнгөс менен Жылдыздагы жайыттарды ошол мезгилдерде кыргыздардын пайдаланышы, кейпи бул жердин чөбүнүн баарыга кеңири маалым жогорку сапаттуулугунда гана эмес болуш керек. Мүмкүн мында кыргыздар илгерки замандарда өздөштүргөн территорияларды эскерүү салты негизги ролду ойногондон айтылгандыр. Колдо бар маалыматтар Күнгөс менен Жылдызда жашаган калмак, казактардын арасында жашаган, маданий-турмуш тиричилик жактан айлана-чөйрөдөгү элдин таасиринде калган кыргыздар, алардан чыккан топтор бар экенин кабар берет. Айрым санжырачы айтуучулар аталарынан, чоң аталарынан укканына таянып, кыргыздар Фергана-Алай жерине Жылдыздан көчүп келишкенин айтышат.

Кыргыздардын түпкү атасы Кылжыр болгон делинет. Түштүк Алтайдан анча алыс эмес территорияда Кылжыр деген дарыя бар. Тянь-Шандын Чыгыш тарабында да кыргыздардын легендалуу түпкү ата-тегинин наамын алып жүргөн (Мисалы, Үрүмчү, Муңаты) же кыргыз урууларынын атына уйкаш (Ават, Мунит, Актачы, Бостонтерек, Орху ж. б.) жерлер кезигет. Азыр бул жерлердин көпчүлүгүндө кыргыздар жашабайт. Кыргыздар өзүнүн баатыр дастандарында, уламаларында байыркы Ата Мекен катары айтып жүрүшкөн (Үч-Куштай, Жылдыз, Күнгөс, Манас шаары) жерлерде да жашабайт. Анткени Синьцзян-Уйгур автономиялуу областында отурукташып жашаган, уйгур тилинде сүйлөгөн эл өздөрүнүн кыргыздан тараганын унутушпаганы да маанилүү. Кыргыз журтчулугу XVI кылымда Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгы жөнүндө жогоруда келтирилген фактылардан улам кыргыздардын илгери замандагы компонентин түзгөн уруулардын ата-бабалары ушул жерлерде калыптанган деп даана айтууга болот.

Андыктан келтирилген далилдерге таянып, кыргыз элинин түзүлүшүндөгү зор ролдордун бири Борбордук Азиядагы элементке да тиешелүү экенин эскерте кетели.

Бул этнонимикада гана эмес элдин өзүн өзү таануусунда байкалып турат жана тарыхый-маданий мүнөздөгү айрым белгилер менен бекемделген. Бүгүнкү Кыргызстан менен чектеш Борбордук Азия райондорундагы тарыхый өнүгүштү талдоо кыргыз зтногенезин түзүүгө кубар-зан атабабалары катышканы менен Енисейдеги кыргыз уруу лары кыргыз элинин этникалык ядросун түзбөгөнүн кабарлап турат. Мындай ядрону кыргыз наамын алып жүргөн көчмөн элдердин бирикмесинин Түштүгүндө жашаган, түрк тилинде сүйлөгөн уруулар түзгөн болушу керек.

Келечекки кыргыз уруулары калыптанган этникалык журтчулукка негизинен азыркы Кыргызстандын территориясына жакын турган, Борбордук Азиянын кеңдигинде тиричилигин улаган алтайлык түрктөр, карлуктар, уйгурлар жана башка түркчө сүйлөгөн уруулар кирген. Топтолгон антропологиялык, лингвисттик жана тарыхый далилдерди эсепке алуу менен этнографиялык материалдардан жыйынтык чыгара келгенде кыргыз элин түзүүгө таасир эткен этникалык процесстердин багыты жана мүнөзү жөнүндө айрым ойлорду мындай айтууга мүмкүн чүлүк түздү:

  • Кыргыз эли жаралган уруулардан калыптануу процесси негизинен Чыгыш Тянь-Шанда жана Тянь-Шандын жака-белинде, Памир-Алайда жана ага жакын тоолуу аймактарда (Алтай, Иртыш боюнда, Чыгыш Түркстанда) болуп өткөн;
  • XIV–XVII кылымдарда түзүлгөн кыргыз элинин негизин:

а) жергиликтүү бул жерди илгертеден мекендеген түрк каганатынын, уйгур, кыргыз мамлекеттеринин жана да карахандардын каганатынын (X–XII кылымдар), анын ичинде  жашаган  карлук-уйгур  урууларынын укум-тукуму;

б) Чыгыштан, Түндүк-Чыгыштан Борбордук жана Батыш Тянь-Шань, Памир-Алай территориясына оогон, Сибирден, Борбордук Азиядан чыккан, негизинен, түрк тилинде сүйлөгөн келгин уруулар;

в) монгол-казак-ногойдон чыккан уруулар түзгөн;

  • Кыргызстандын азыркы территориясына башка уруулардын интенсивдүү келе башташы монголдордун жортуулу менен байланыштуу болду. Этникалык процесстин өнүгүшүндө башка маани көчмөн турмуш өткөргөн урууларга таандык. Бир жерден экинчи жерге оңой ооп кирүү мүмкүнчүлүгү бар ар кандай уруулардын кымкууткыйсыпыр кыймылы да таасир этти. Андай көчүп-конуп жүрүүнүн көпчүлүгү социалдык-саясий себептерге, экономикалык абалга байланыштуу эле. Чет жердик баскынчылардын чабуулу, баскынчылардын күчтүү уруулардын экинчи бир урууларды алар өздөштүргөн жерден кууп чыгышы, урууларды башкарган феодалдардын чатагынан улам чыккан уруулардын чабышы, элдин санынын көбөйүшү, феодалдардын кысымы астында айрым топтордун жаңы территория издеп көчө качышы; ар башка аймакта жашаган тууган уруулардын биригиши: жайыттын жетишпегени, табигый кырсыктар жана башкалар;
  • Чарба жүргүзүүнүн окшоштугу (көчмөн малчылык, мергенчилик дыйканчылык), турмуш-тиричилик өткөрүүнүн, маданияттын жакындыгы, патриархалдык-феодалдык мамиленин үстөмдүк кылышы, социалдык-саясий өнүгүүнүн процесси жана кээ бир тышкы саясий абал, уруулардын биригиши, ассимиляцияланышы, аралашып кетиши жаңы этникалык жалпылыктын – кыргыз элинин түзүлүшүнүн алдын алды.

Кыргызстандын чөлкөмүндө ачылган көп сандаган эстеликтер бул жерде байыртадан бай, ар тараптуу маданият гүлдөгөндүгүн, ал Орто Азияда жана ага жакын чөл, тоо мейкиндиктеринде жашаган элдердин жана уруулардын маданияты менен тыгыз байланышта болгондугун далилдейт. Кыргыз элин байыркы мезгилде жана орто кылымдарда бул чөлкөмдө жана Тянь-Шань, ПамирАлайда жашаган уруулардын тукуму түзгөндүктөн чарба жүргүзүүдөгү, турмуш-тиричиликтеги, маданияттагы, салт санаадагы айрым көрүнүштөр азырга чейин таасирин жоготпой бүгүнкү кыргыз элинин күндөлүк турмушунда да тиги же бул деңгээлде кезигет.

Мал чарбачылыгына байланышкан аталыш терминдер бизди кызыктырган жамаатта өтө көрүнүктүү мааниге ээ. «Кыргызча-орусча» сөздүктүн жаңы басылышында келтирилген диалектикалык лексиканы чагылдырган өтө көп материалдар бир катар салыштырууларга негиз берет. Алсак, тянь-шандык кыргыздардын сөз байлыгында сейнек (эки жаштагы эчки) деген тувалардын «сейнек» (12 жаштагы бычымал текечер) дегени менен кайчылаш атоо кездешет. Анан да монголчо аталыш менен генетикалык байланышы бар айрым бир колдо багылуучу малдын аталыштары кыргыз тилинин түштүк диалектикасында кездешүүсү мүнөздүү. Алардын дөлөн (4 жашар ат, бука, буура), дөлөн кой (4 жашар) деген түшүнүгү монголдун «дөлөн мерин», «дөлөн ухэр», «дөлөн хонь» деген түшүнүгү менен бир мааниде. Ал эми түндүк диалектиде ушул эле жаштагы малды (ат, бука, буура) бышты дешет. Маалынан эрте төл берген чебичти түндүк кыргыздар жусак деп аташат. Кашгардык кыргыздар койду да ушундай атаарын мен мурда белгилеп кеткен элем. Монголдор болсо эки жашар эчкини «засух хмаа», эки жашар койду «зусах хонь» дешет. Мындай окшоштук, балким, Түштүк кыргыздын арасында монголдордон чыккан (баргы, кодогочун, конурат, керейит ж. б.) айрым уруулардын бар экендигине байланыштуудур. Анткен менен башкача түшүндүрүлүшү бар болушун да тануу кыйын.

Түштүк кыргызстандык уруулардын жергиликтүү отурукташкан тажик жана өзбек менен тыкыз байланышынын негизинде алардын сөздөрүндө бакма малдын иран тилиндеги (же иран-түрк) аттарынын колдонулушунда таасир эткен: келте тай (кулун, эки жашка чыкканга чейин), кунан ноопас (үч жашар букачар), бада, пада (уй), тайкар (эки жашар эшек), акта (багылган эшек). Бул аталыштар Тянь-Шанда да тараган, мисалы, ноопас (үч жаштагы букачар); менин тянь-шандык жазмаларымда – тай ноопас, бышты ноопас дегендер кездешет.

Тувалыктарда, айрыкча Түштүк-Чыгыш тувалыктарда (чооду, кыргыз, соян жана иркит урууларында) үй жаны барларынын үчтөн беш жашка чейинки аттары тишине карап атоочу монгол терминдери менен окшош аталат.

Азыркы күнгө чейин илимде кыргыздарда бардык түрк тилинде сүйлөгөн элдердей эле үй жаныбарларын жашына карап атоодо саноо системасы колдонулат деп келинген. Мындай түшүнүккө өзгөртүү кийрүү керек болуп калды. Анткени 1947-жылы Түштүк Кыргызстанда жүргүзүлгөн экспедиция маалында мен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Түштүк бөлүгүндө жашап келген адамдардан айрым аталыштарды жазып алгам. Үй жаныбарларынын башка аталыштарынын арасында эки жашар койду – эки тиштүү, 3 жашарын – төрт тиштүү, төрт жаштагы буураны – бир кыркты, беш жашарын – эки кыркты, алты жашарын – тегерек тиш аталарын да жазыпмын. Бул аталыштардын бардыгында башкы маани тиштин санына (же түзүлүш үнө) берилет экен.

Кыргыздар Тянь-Шанда биргелешип (коллектив) мергенчиликке чыгышканын Дүйшөнбү Касымов бизге айтып берди. Андай мергенчиликке 10дон 40ка жакын адам катышкан. Алардын бир бөлүгү гана мергенчи, калганы куугунчулар-карасанчылар болгон. Көбүнчө мындай мергенчилик узак мезгилге созулган. Андайда мергенчиликке катышкандарды (мергенчилерден башкасын) салбыр ынчы аташкан. Салбырынга барабыз деген сөз ушундан калган.

Бизге ушуларды айтып бергендер да мергенге катышкандарды салбырынчы деп аташты. Эгер мергенчиликке катышкандар бир нече гана адамдан турса, анда алар – карасанчылар. Бул аталыштар башка аталыштар менен салыштыра келгенде дагы тактоону, кеңири талкуулоону талап кылат. Алтымыш жаштагы Токтокожо Айтбаевден жазып алгандарыбызга караганда биргелешип мергенчилик кылуунун өзү салбыраң аталат, ал эми карасанчы деген сөз колунда кушу же мылтыгы болбогон, бирок олжону тең бөлүп алуу укугуна ээ, мергенчиликке катышкан адамдарга да тиешелүү К. К. Юдахиндин сөздүгүндө салбыраң (салбыраң, салбуурун) – алыска барып мергенчилик кылуу. Анткен менен салбырынчы деген сөз тажрыйбалуу мергенчилерге кошулуп, алардан таалим алганы келген жаш мергенчи дегенди түшүндүрөт.

Анда тажрыйбалуу мергенчилерди, аңчылыкка катышкан башка адамдарды эмне деп айтабыз. Карасаңчы (же жандоочу) мергендерге аңдын кай жерде экенин жаңдап көрсөт көндөргө тиешелүү.

К. К. Юдахин боюнча санчы (Түштүк диалект) деп азык оокат көтөргөн жардамчыны атайт. Санчыга – сан деген макал да келтирилет. Бизге Бусурманкул Тунапов карыя да карасанчы олжонун санын аларын билдирди. Салбырын жана салбуурун деген сөздөрдү кеңири чечмелөө үчүн К.К. Юдахин: «Алты ай, жети ай жоголуп, салбуурун кетип калбасын», «Мээлей алып, боо тагып, салбуурундап жер чалуу – бабабыздан калган иш», «Биз атайын салбырынга чыккан соң, көпкө жүрүшүбүз керек», «Салбырынга келгендер, сүлөөсүн менен илбирстен атып келет мергендер» өңдүү фольклордук ырларды, сөздөрдү келтирет. Бул мисалдардан төмөндөгүчө айрым жыйынтыктарды жасаса болот. Биринчиден, салбырын кийин алыска барып гана эмес, узак мезгил бою мергенчилик кылуу дегенди түшүндүрсө керек. Эгер андай болсо, мындай мергенчилик албетте көпчүлүктүн же өзүнчө топтун катышуусун талап кылган. Экинчиден, мындай мергенчилик мылтык менен гана эмес, бүркүт куштун жардамы менен да жүргүзүлүшү мүмкүн. Үчүнчүдөн, алыска барып, узак кезгил мергенчилик кылуунун максаты сүр эт гана камдоо эмес, аң терилерин да даярдашы өтө ыктымал. Кыргыздардагы көпчүлүктүн катышуусу менен мергенчилик кылуу, тоолуу жерлердеги тажиктердин тоо эчкилерге жасаган мергенчилиги менен окшош. Мергенчиликтин ыкмасында, олжо бөлүшүүдө жалпы окшоштук бар. К.Шаниязов карлуктардын жапайы эчкилерге мергенчилик жасоодогу ынтымакташуунун кызык көрүнүшүн баянд айт. Аларда да тянь-шандык кыргыздар өңдүү олжо бардыгына теңме-тең бөлүнгөн.

Адабий булактарда жазылып калган эстеликтерге жана этнографиялык изилдөөлөргө караганда кыргыз эли илгертен үй-бүлөлүк, уруулук топторго бөлүнүп жашаганы белгилүү. Мындай топтор көбүнчө бир атанын балдары аталат. Өткөндө алар өз алдынча айылды же жайыты жакын бир нече айылдарды түзүп, бири-биринен алыстабай көчүп-конуп жүрүшкөн.

Адетте андай топторду, айылдарды акылман аксакал адамдар башкарган. Колдо бар малын кышкысын жалданма адамдарга бактырууну, жайкысын кезектешип кайтарууну да ошол аксакалдар көзөмөлгө алып, жетек теген.

Дыйканчылыкта да, себүү, жыйноо убагында, талаачылык ишинде топтун мүчөлөрү чогуу эмгектенип, бирибирине жардамдашып турушкан. Эгер алардын бирөө үй курса башкалары колунан келген жардамдарын аяшкан эмес. Үй көтөргөн адамдын малы аз болуп, туурдук үчүн жүн жетишпей калса айылдаштары менен малын кыркып беришкен. Той, аш өткөрүүдө топтун, айылдын аксакалынын кеңеши, жетекчилиги менен кол кабыш көрсө түшкөн. Уул үйлөп, кыз узаткан үй-бүлөнүн каражаты жетишпесе ага кошумча кошуп, ахыбалын жеңилде тишкен.

Топтун, айылдын мүчөлөрү ынтымактуу болушса бээлеринин сүтүн бир сабаада ачытышкан. Эртең менен ал үйдүн ээсинин «келгиле, кымыз ичкиле» деген чакыруусу менен чогулуп кымыз ичишкен. Ал эми күндүзү ар ким каалаган убакта кымыз ичүүгө келүүчү экен. Кой, эчкини ар ким өзүнчө сааган менен эжигей, курут кайнатууну чогулуп ишке ашырышкан. Ал үчүн кезек сүттү тиги же бул үй-бүлөгө чогултуп берүү болгон. Жаңы жылды – Нооруз майрамын да биргелешип тосушуп, таруу же арпа көжө бышырып жешип, түлөө өткөрүшкөн.

Биз кыргыздардын үй курууда биргелешип, бири-бирине жардам берген ашар аталчу коллективдүү аракетине көп жолу күбө болдук. Ашарга көбүн эсе туугандар катышат. Ашардын соңунан үй ээсинин сый тамагына чогулушат.

Башына иш түшүп, кыйынчылыкка дуушар болгон тууганына материалдык жактан да жардам берүү кыргыз элинин илгертен келаткан салты. Элдин бул расмине ылайык кыйынчылыкка дуушар болгон адам туугандары аны ал мүшкүл иштен куткарарына, жардам берерине сөзсүз ишенет.

Үй-бүлөлүк мамилени изилдөөдө туугандарды бир үйгө же айылга топтоо өңдүү кызык көрүнүштү байкадык. 1948-жылы Жумгал районунун «Кызыл-Октябрь» колхозунун мүчөсү Кармыш Манапов Чүй өрөөнүнөн тогуз жашар Бурулбүбүнү – инисинин кызын үйүнө алып келип баккан. Инисинин экинчи аялынан да жети жашар Жыргал деген бала калганын, аны да алып келип багып чоңойторун: «Инимдин балдарын алып келип багыш милдети менде» – деп баса айтты. Мындай туугандык көрүнүштү биз көп жолу жолуктурдук.

Айрым учурларда бир атанын балдарынын туугандык ылымсаноолору советтик этиканын, советтик закондун талаптарына туура келбей, кадрларды саясий жетиктигине жана иштин көзүн билгендигине карата тандоо принцибин бузууга жол берерлиги белгилүү. Туугандыгына, жакындыгына карата кызматка коюу айрым колхоздордо кездешет, андай жерде бирин бири тымызын колдоо, советтик законду бузууга көз жумду мамиле болбой койбойт. Совет коомчулугу мындай тууганчылдык көрүнүшт өргө каршы күрөшүп келген жана күрөшүп келүүдө.

* * *

Кыргыздардын илгертен келаткан салтында үйлөнүү, кыз-жигиттин алдын ала бир бүтүмгө келиши үчүн күйөөлөө адети өзгөчө орунду ээлейт. Окумуштуу Л. Н. Штрембергдин байкаганына караганда күйөөлөө салты кыргыз коомчулугунун жактыруусуна, колдоосуна мамиленин түзүлүшүн шарттайт, нике кыйылгыча кыз-жигиттин жыныстык катнашуусун алдын алып, ага жол бербейт. Күйөөлөө учурунда кыз-жигит жашыруун жолугушат да жашыруун жолугушууларды кыздын энеси билмек түгүл ага шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Аны кыздын атасы да билет, анткен менен ал салтка ылайык өзүн дегеле эч нерседен кабары жок адамча кармайт. Салттын шарты боюнча күйөө бала да алардан качып көзгө көрүнбөөгө аракеттенет. Алгач жолку күйөөлөп келүү үйлөнүү үлпөтүнүн башталышына окшоп кетет. Жаштар оюн-зоок курат, кыз менен жигитти «учураштыруу», күйөө балага жаңы кийим кийгизүү, күйөө баланы коштоп келгендердин кыздын эже-сиңдилерине, жеңелерине белек бериши ж. б.

Калың төлөө жана сеп берүү таптык коомдун өнүгүшүндө жаралган. Ошондой эле мусулманча нике кыюу ислам идеологиясын бекемдөө үчүн пайдаланылган.

Кыздын атасынын айылында берилүүчү той үйлөнүү салтанатынын, салтынын эң орчундуу кырдаалы. Аны баштаардын алдында байыртадан келаткан ыйык деп кабыл алынган адаттар, диний-символикалык ырымжырымдар аткарылат. Андан кийин салтанат башталып, оюн-зоок, таң-тамаша күчөп, ыр-күү жаңырып, мелдештер өткөрүлөт. Ал салтанаттуу салттардын айрым көрүнүштөрүн айта кетели: ар кандай тамашалуу себептер боюнча кыз тараптын күйөө баладан жана анын жолдошторунан, туушкандарынан белек талап кылышы, меймандарга ак ун себүү, айран же сүт чачуу, кудалар алып келген куржунду чечүү, тогуз жыгач идишке тогуз түрдүү тамак жасап алып келип, башка салттык белектерди берип күйөө баланын ата-энесинин кыздын ата-энесинен ыраазычылыгын, батасын алышы, кол өнөрчүлүктүн буюмдарын, ат жабдык, кийим-кече тартуулоо, күрөш, улак тартыш, эңиш, ат чабыш, жаштардын оюндарын өткөрүү, келин көрүү, күйөө баланы кийинтүү, эки жашты чылбыр карматып символикалуу «байланыштыруу», садага союлган майда жандыктын жылуу өпкөсүн сууруп алып, кыз менен күйөө баланын башына чаап эмдөө, аркан тартыш, төшөк талашуу, эки жашка үй көтөрүү, мусулманча нике кыюу, нике төшөгүн салуу, кыздын себин жалпы элдин сынашы, кыз менен энесинин, башка жакындары менен коштошуу аземи.

Үйлөнүү салтанаты кыздын айылдан узашы менен аяктайт. Бирок кээде күйөө бала той салтанаты аяктаган соң да кайын атасынын айылында 10–15 күн жашап, андан кийин гана келинди өз айылына алып кетчү адат учурайт. Жигиттин айылына келгендеги салтанаттын эң маанилүү милдети бул жаңы келинди отко кийирүү болуп эсептелет. Кайын атасы жана күйөөнүн туугандары келинге урмат көрсөтүшүп, энчи бөлүп беришет. Эки жаштын келечек турмушунда кездешчү өйдө-ылдыйларды жайгарып туруш милдети тагылып калыс адамдардан өкүл ата, өкүл эне шайланат.

Жалпылап айтканда, кыргыздардын үйлөнүү, нике салты башка элдердегидей эле кеңири коомдук мүнөзгө ээ. Анан да кыргыздардын турмушундагы бул көрүнүш жаңы үйлөнгөндөрдүн жакындарынын, тууган-туушкандарынын жалпы милдетине айланган көп кырдуу салтын өз ичине камтыйт.

Көп балалуу үй-бүлө кыргыздарда идеалдуу эсептелет. Бала туулганда анын ата-энеси сары май омуруп, талканды майга көөлөп жентек берет. Наристенин туулганына үч, беш же жети күн толгондо бешикке бөлөө өзгөчө салт. Ал эми баланын жарыкка келгенине кырк күн толгондо «ит көйнөгүн» чечип «кырк көйнөгүн» кийгизүү да өзүнчө салтанат. «Кырк көйнөк» кырк түстүү чүпүрөктөн куралып тигилиши тийиш. Баланы бешикке салууга, алгач чачын кыркууга адетте келин тараптан таякелери катышып, наристе жээнине кийим алып келүүгө, белек берүүгө, энчи бөлүүгө милдеттүү.

Энесинин чүрпөсүнө болгон мээрими бешик ырынын, же кээде аталгандай – бөбөк ырынын назиктигинен, эркелеткен мүнөзүнөн байкалып турат. Бешик ыры бала сооротуу үчүн гана эмес, ал жакшы тилек билдирүү, эненин кубанычын, муңун, баланын тууган-туушкандарынын санжыралуу окуяларын, ата-бала жомокторун, дастандан айтуу үчүн ырдалат.

Кыргыз элинде жарыкка жаңы келген мураскорго ысым ыйгаруу өтө зор мааниге ээ. Ысым сөзсүз түрдө келечек менен байланыштырылат, андыктан анын түпкү маанисине өзгөчө көңүл бурулат. Бала ысымын көбүнчө атасы, башка убакта мусулман идеологиясына ылайык молдо же азан чакырган адам коёт. Кыргыз ысымдарынын арасында арабча ысымдар да көп, анткен менен дээрлик көпчүлүгү улуттук мүнөзгө ээ.

Балдары көп чарчап, токтобогон үйлөрдө ысым жаныбарлардын атына байланыштырылган. Бирок көпчүлүк учурда мындай үй-бүлөлөрдө бала ысымы келечек, түбөлүктүүлүккө ишеним менен берилет.

Кыргыздардын кол өнөрчүлүк искусствосунун шедеврлери (таланттуу адамдар андай шедеврлерди өтө эле көп жараткан) элдин сыймыгына айланган мекен алар чыгармачылыктын уникалдуу үлгүлөрү катары кабыл алынган да, бааланган да эмес. Ал шедеврлер күндөлүк турмуштиричиликте – кийим-кече, төшөнчү-орун, ат жабдык, боз үй жасоодо кадимки иш катары кеңири колдонулган. Табияттын ар түскө боёлгон кооздугун жана анын күтүлбөгөн ажайып көрүнүштөрүн поэтикалык кабыл алуусу, чыгармачылык зор эргүүсү, көрө жана түшүнө билүүсү кыргыз элинин өзүнө гана тиешелүү улуттук мүнөз үн калыптандырган. Кыргыздардын кооз кол өнөрчүлүк искусствосу элдин жашоо-турмушундагы башка рухани байлыктары, маданияты, искусствосу менен тыгыз байланышта өнүккөн. Ошондуктан саймачылык, оймочулук, сүрөт түшүрүү искусствосу оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен эриш-аркак жаралып, кандайдыр бир жалпылыкка эгедер. Андыктан кыргыз элинин буюмга сүрөт түшүрүү искусствосун изилдеген окумуштуу М.В.Рындин аны «сүрөт салуунун фольклору» деп негиздүү атаганы туура. Ал эми экинчи бир изилдөөчү В. Чепелев ал искусствосунун «пейзаждык жанрына» көңүл бурган.

Кыргыз уздарынын ала кийизге сүрөт түшүрүү чеберчилиги жана аны жасоо өнөрү өтө терең. Кээ бир изилдөө чүлөр сүрөт түшүрүүнүн жана жасоонун башатында Тоолуу Алтайдагы дөбөлөрдөн табылган атактуу ала кийиздер – скиф доорунун искусство эстеликтери экенин айтышат. Кыргыздардын оймо-чиймелери Тоолуу Алтайдын байыркы жашоочуларынын, байыркы түрктөрдүн, энесайлык кыргыздардын искусство табылгаларынын оймо-чиймелерине жакын, кээде өтө окшош. Ал оймо-чиймелер менен кыргыз кол өнөрчүлөрү териден, жыгачтан, темирден, асыл заттардан жасалган буюмдарын кооздогон. Кейпи бул оймо-чийме, кооздоо өнөрчүлүгүнүн комплекси IХ–ХII кылымдарда (балким, андан мурдараак болушу да мүмкүн) көчмөндөр арасында жаралып, XIII–XV кылымдарда өнүксө керек.

Которгон Токтобай МҮЛКҮБАТОВ

Т.И. АСАНОВ

XVIII–XIX КЫЛЫМДАРДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИ

 

XVIII кылымдын экинчи жарымында Цин-Кытай империясынын басып алуучулук саясатынын натыйжасында бир мезгилдердеги күчтүү, көчмөн мамлекет – Жуңгар хандыгы кыйратылып, калкынын басымдуу бөлүгү кыргынга учурайт. Бул саясаттын уландысы – Чыгыш Түркстандагы жергиликтүү диний-теократиялык бийлик төбөлдөрү-кожолордун өз ара келишпестигинен пайдаланган кытай бийликтеринин аталган аймакты басып алышы менен жыйынтыкталган. Алар 1759-ж. кыргыз-казак конуштарынын Кытай менен чектешкен – Иле суусунун чөлкөмүнө аскердик чеп тургузуп, ал Цин империясынын түндүк-батыштагы таяныч-форпостуна айланган. Кытай бийликтери мындан ары дагы Кеген – Каркыра, Тэмирту-норго (Ысык-Көлгө) чек ара кайтаруучу кароолдорду коюу кажет деп табышкан (Кыргыздардын жана Кыргызстандын… 2003, II т.66-б.). Мындай кырдаал кыргыз-казак конуштарындагы окуялардын өнүгүшүнө өз таасирин тийгизбей коймок эмес. Анткени Орто жүз казагынан султан Абылайдын Амурсана башында турган ойроттордун көтөрүлүшүнө көргөзгөн көмөгү ийгиликсиз аяктагандан кийин, алар Чыгыш Түркстандагы Кытайдын бийлигин тааныганга аргасыз болгон (Аристов, 2001. с. 434.). Бирок 1771-ж. Абылай казак жүздөрүнүн атынан хан шайлангандан тартып, тышкы саясатында Россия менен Цин империясынын ортосунда ийкемдүү алака жүргүзүүгө өткөн.

Ушундай саясий кырдаалга жараша, кыргыздардын өз алдынчалыгын сактап туруу максатын көздөгөн түндүк жана түштүк уруу бирикмелеринин башчылары – Мааматкул бий менен Ажы бий Чыгыш Түркстан маселесине карата бейтарап мамиледе калууга аргасыз болушуп, Пекинге өз элчилерин жөнөтүшкөн. Бирок Цин императорунун мындан мурунку кыргыздарга койгон дооматы боюнча, адегенде, бир мезгилдерде жуңгарлар ээлеп турган бардык жерлер кытайдын карамагына өтүүгө тийиш деген маселени койгон. Ушул маселелерди оң жагына чечүүнү көздөгөн Маматкул бий 1758-ж. сарыбагыш Черикчи бий башында турган кыргыз элчилиги Кытай императорунун сарайына жөнөткөн. Барган элчилик Кытай бийлигин формалдуу (ооз жүзүндө) тааныгандыгын билдирип, ордуна өзүлөрүнүн ата конушу болгон Иле суусунун сол өйүзүнөн тартып, Текес, Каркыра-Кегенден Ысык-Көлгө чейинки жерлерди кыргыздарга кайра кайтарылышын талап кылышкан (Супруненко. №5180. с.21). Кытай бийлиги бул маселени карап, кыргыздардын пайдасына чечип берүүгө ниет кылган. Бирок аларга адегенде Чыгыш Түркстанда күчөп бараткан Бурхан-ад-Дин менен Ханкожо баштаган көтөрүлүштү басуу керек эле. Ошондуктан, император конуш маселесин чечип берүүдөн мурун, кыргыздардын императордун уруксатысыз, чек райондоруна жакын, өз алдынча көчүп-конушуна тыюу салган жана Чыгыш Түркстандагы окуяларга алардын кийлигишпөөсүн талап кылган (Супруненко. №5180. с.21). Бул маселе толук чечилгенче Кытай бийлиги сырттан болуучу коркунучтардан чочулап, Иртыштан Илеге чейинки аймактарга жана андан ары Ысык-Көлгө дейре тизмектелген чек ара кароолдорун орнотууга шашылган (Аристов. 2001. с. 437; Кыргыздардын жана Кыргызстандын… 2003. 112-б.). Жуңгар хандыгы кулагандан кийинки түзүлгөн ушундай тарыхый кырдаалдардан улам, илгерки ата-бабаларынан бери жайлап келген Таластан Илеге чейинки жерлерди кыргыздын ар уруулары өз-өз бетинче коргоп калуу зарылчылыгы келип чыккан. Мисалы, кушчу, саруу, кытай жана каба саяктар Талас жагын, чекир саяк Кочкордон баштап, Кегети – Ысык-Атаны, солтолор Аксуу – КараБалтадан баштап Олуя-Атага чейин, сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки жерлерге орношуп өз жайыттарын жана жерлерин сактап калуу менен алектене башташкан (Алымбеков. №364. 17-б.). Анткени бул аймактарга коңшулаш казак уруулары дагы жайгаша баштагандыгына карабастан, кыргыздардын бул мезгилде Иле суусунун аймагында ээлеп турганын орус авторлорунун маалыматтары да бекемдейт. Анда, «алардын (кыргыздардын) чектери кайсактардан башталып, Ала-Тоо арасынан Балкаш көлүнө куйган Иле дарыясы аркылуу бөлүнөт, ошол Иле дарыясы аларды (кыргыздарды – Т.А.) Кытай мамлекетинен да жана казактардан да теңме-тең бөлүп турат»,– деп айтылган (Сапаралиев. 1995. с.37).

Ушул окуялардан көп узабай, конуштары канатташ жайгашкан кыргыз-казак элинде жайыт маселесине байланыштуу талаш-тартыштар башталат. Эки тарапта тең туруктуу мүнөзгө айланган жылкы тийип, барымта алуу жана талап-тоноого баруусу мунун шылтоосу гана болгон. Эң башкысы көп жерлердин ойрот-калмактардан бошоп калышынан кийин Кытай мамлекети да көз артып баштаганы аз келгенсип, эми ал жерлер кошуна эки элдин чыр-чатагынын чордонуна айланган. Канатташ жашаган кыргыздар да, казактар да талашка түшкөн бул жерлерди бир-биринен озунуп ээлеп калууга аракет кылышып, башында көчмөн калктын чарба жүргүзүүсүнө пайдасы тие турган мындай маселелер аягында саясий мааниге айланып, чыр-чатактардын туруктуу болуп башташына алып келген.

Орус маалыматтары боюнча 1759-ж. казак ханы Абулмаметтин уулу Абулмечит жана көзү өтүп кеткен Барак султандын уулу Ханбаба, Нооруз баатырдын конушу жайгашкан кыргыздарга кол салган. Анткени алар «…жылкысын айдап кетип ж. б. жасаган чыгымдарын толтуруу үчүн, …кыргыздарды баш ийдирип же тынч болууга аманат алып келүү» максатында кол салышкан (Сапаралиев. 1995. с. 90). Ушундай чоң жаңжалдын бири 1760-ж. да болуп өткөн жана кыргыздар олуттуу чыгым тартышкан (Джамгерчинов. 1966. с. 16). Кезегинде кыргыздар да жөн калган эмес. 1764-ж. Иленин сол өйүзүндө көчүп келген казактардын Орто жана Улуу жүзгө караган көп уруулары кыргыздар тарабынан катары менен үч жолу катуу талоонго алынган (Казахско-русские отношения. 1964. с. 668). Ушул эле жылы Түркстан шаарына жакын жерлерди жайлаган Каработо бийге, Ташкенге каттаган соода жолун ээлеп алуу максатында Орто жүздүн султаны Абулфейис кол салат (Казахско-русские отношения. 1964. с. 680.;. Сапаралиев. 1995. с. 93–94.).

Кыязы, 1765-жылдын 5-айындагы Кытай императорунун Абылайга багытталган указында ушул окуялар чагылдырылган. Анда минтип жазылган: «…сенин катыңдагы жана Оторчунун оозеки айтып бергени боюнча буруттар силердин конушка кол салып, көптөгөн адамдарыңды өлтүрүп, сан жетпеген малыңарды айдап кетишкен… Мындан мурун келген казак Олому бий, Абулфейис султан кол алдындагы элден 2000 кол жыйнап, буруттардын жер жайнаган малын айдап кеткенин айткан. Алар дагы, тигилер дагы акыры тынч турууга бүтүм кылышкан» (Супруненко. №5180, с. 130.).

1765-ж. Абылай султан кайрадан ошол эле Каработо бийдин кыргыздарына кол салып, эки ортодогу ишенимди бекемдөө үчүн башчыларынын балдарынан жана аялдарынан тогуз кишини үй-жайы менен аманатка алып кеткен (Казахско-русские отношения. 1964. с. 668, 680.; Сапаралиев. 1995. с. 90–94.).

Ушул окуялар Алымбеков Тургунбектин кол жазмасында да кеңири баяндалат. Анда Нарын, Кочкор, Жумгал жана Талас тоолору жайлоо эсебинде болуп, эл аз болгондуктан Иле суусунун бою, Чүй, Талас сууларынын аягындагы калмактан бошогон кыргыз жерлерине казак уруулары көчүп келип отурукташа баштаганы айтылат. Мындай кырдаал кыргыздын уруу башчыларын өтө кооптондурган жана оң канаттан Эсенгул баатыр, сол канаттан Туума бий башында турган бийлердин тобу-кеңеши Таластын Капка деген жеринде өткөрүлгөн. Жыйында чогулган бийлер Чүй-Талас багытындагы кыргыз жерлерин казактардын ээлеп алуусунан коргоп калуу жөнүндөгү маселени карашкан. Кеңештин чечими боюнча кыргыздын эски конуштарын сактап калуунун зарылдыгы белгиленип, Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүү жөнүндө бүтүмгө келишет. Бул тууралуу Алымбеков Тургунбек мындай деп жазат: «Казак бетинде солдун башында ушул Туума бий экен, убада кылып тарайт жыйын. Чакыр Кочкордон, Чүйгө чейин көчүп келет. Садыр көчүп келет. Иниси Сейит тил албай, элди бузуп токтотуп калат. Садыр ээрчиген кабаны алып келет. Азыраак болуп келет. Капканын оозуна чоң коргон салат. Садыр өзүн хан атайт. Ошол жакы кыргызга ээ болуп, казака тынчтык бербейт, конуп алган. Нары көздөй сүрөт. Чаап алып отурат. Андан качкан казактар Талас аягы, Чүй аягы, Иле бою, ушул жакты көздөй коңтулап оойт. Казак ичиндеги уйсун элетине кабалардан кан Садыр туздай татыйт. Солто, кушчу бери жака Садыр кабар берсе, барышып турат. Сарыбагыш, солто, чакыр; бул Иле, Чүй – ушул жака ооп келген казака да аттанып барып, казак аттанып келип, ортодо далай уруш болот» (Алымбеков. №364. 36–39-б.).

Казак уруулары дагы өз кезегинде Иленин сол өйүзүн дөгү сарыбагыш уруусунун конушу – Үч-Алматы жана Сарытогум жайлоолоруна чейин кирип келип, жайлай башташкан. Мындай аракеттерди жүзөгө ашырууда чанычкулудан Бердикожо, чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке жана Дөөлөт, ботбайдан Түлөкабыл жана Жайсаң, кашкороо уругунан Малдыбай жана Конушбай сыяктуу казак баатырлары кыргызга карай аттанып келишип, жылкы тийип, барымта алып турушкан. Ушундай чабыштардын биринде сарыбагыштардын колунан Качыке, солтолордун колунан Жайсаң жана Кооман баатырлар каза табышат (Алымбеков. №364. 9–11-б.б.). Бул окуялардан кийин Бердикожо менен Жабек, Азиреттин Кара тоосундагы Абылайга барып арызданышат. Бирок алар Абылайды кыргызга каршы аттандырууга ынандыра албай, найман уруусунун баатыры көк жарлы Баракка барышат. Алардын чакырыгын кабыл алган көк жарлы Барак, 1771-ж. кыргыздарга каршы жортуулга аттанат. Бирок казактардын көздөгөн максаттары жүзөгө ашпай, көк жарлы Барак баштаган кол жеңилет жана Чүйдөн талкаланып, Иледен ары сүрүлөт (Алымбеков. №364. 166–167-б.б.).

Ушул окуяга байланыштуу аскер кызматчысы И.Абдулов 1771-ж. 9-октябрындагы Батыш-Сибирь аскер башчысына: «…менин укканыма караганда жакында казактар тоолук кыргыздарга байланыштуу Абылай ханга даттанып келишкен, алар (кыргыздар) казактардын Чоң ордосунун Баланай болуштугун талкалап, 17 миң адамдарын өлтүрүшкөн. Абылай алардын даттанууларын кабыл алып, ушул кышта тоолук кыргыздарга каршы жүрүшкө ниеттенүүдө» деген билдирүү жиберген (Сапаралиев. 1995.с. 96.). Кыргыздарга каршы согушууга орустардан жардам сураган Абылайдын ою ишке ашкан эмес. Кытай булактары ырастагандай Абылай жана Абулфейиз кыргыздарга 1774-ж. гана жортуул жасашкан. Кара-Балтада болуп өткөн таймашта Атаке баатыр казактардан жеңилип, Таласка чегинген (Супруненко. №5180. с.134).

Абылайдын бул чабуулунан кийинки кыргыз-казак мамилесиндеги тынчтык көпкө созулган эмес. Кыргыздардын башкы бийи Эсенгул баатырдын бир нече жолу эскерткендигине карабастан, Таластагы Садыр өз алдын ча кол топтоп, Жайыл баатыр менен бирдикте казак конуштарына кол салып, Чолок-Коргон, Созок калаасына чей ин кирип барышкан. Ушул чабыштан катуу сокку же ген Улуу жүз казактары Жоогач баатырды Абылай хан га кабарга жөнөтүшкөн (Алымбеков. №364. 17–18-б.б.; Солтоноев. 1993. 108–109-б.б.). Сары-Аркада жатып чабармандарды кабыл алган Абылай хан: «Кыргыз-казак калмактан жаңы кутулуп отурганда, кыргыз жерине кызыгып ушул ишти баштап отурасыңар, мурунтан бир тукум, бир боз үйдүн баласы элек. Кокон, кытай, орус ушул үчөөнүн бири кол салса, кереги тиет эле сүйлөшсөк, кыргыздын» деген экен. Бирок Абылай кыргыздарга аттануудан мурун, Жоогач ты кайрадан элчилике жиберген. Жоогач кыргыздын чети, солтолордун бийи Момоконго жана Жайылга жолугуп, Абылайдын сөзүн айтып кайткан (Алымбеков. №364. 18-б.).

Ушул мезгилдердеги казак старчыны Кулбактын көрсөтмөлөрү боюнча Көкчө-Тоодо жайлап жаткан Абылай 1778-ж. кыргыздарга каршы согушка аттануу үчүн Батыш-Сибирь линиясынан жардамга аскер сурап, дооматын артып жаткандыгы эскерилет. Кыязы, орустардан жардам болбогон соң, Абылай 1779-ж. Түркстан жана Ташкен шаарларына жакын жайгашкан Улуу жүзгө көчүп келет.

Буга күбө, анын 1779-ж. 13-августунда Оренбург губернатору И. Рейнсдорпко жазган катында: «Чоң жана кичи ордо мага карайт, анын ичинен Чоң ордо (сөз Улуу жүз казактары жөнүндө болуп жатат – Т.А.) Ташкенде, ал жакта мага жоо болгон кыргыз дегендер да, ал аймактарда көчүп-конуп жүрүшкөн мага таандык казактардын тынчын алып, анысы аз келгенсип, алардын катын-балдарын туткунга алып кетип жаткандыктан, алар көз жашын агызып, менден калканыч издөөгө мажбур болушту. Ал жака балдарыма жана туугандарыма эң мыкты кишилерди кошуп жөнөттүм, алардан кийин мен өзүмдүн ата-журтум үчүн аттанууга даярдануудамын», – деп жазат (Казахскорусские отношения. 1964. с. 100).

Ушул жылы Абылай Ташкен калаасын каратып, кыргыздардын элчилерин кабыл алган. Маалыматтарга караганда Абылайдын алдына кырк элчи барган (Солтоноев. 1993. 169-б.). Алымбеков Тургумбектин жазганы боюнча барган элчилер менен Абылай хан коштошуп аларга тартуу берип кайтарган. Түлөберди алып келген тартууну – таңылчак жүктү Момокон, Жайыл агалары ачкан эмес солтолордун башчысы Кебек бий келсин деп. Ал кезде кыргыздын ынтымагы ушундай болгон экен бир адамга баш ийген. Кийин аны ата-аталарга бөлүштүрүп бе ришкен.

Бул учурда солтолордун бөлөкбай уругу Кара-БалтаАксууда, талкан азыркы Луговой ыстансасында ал жак Курагатты суусунун башы болот, Тоону. Курагатты, Чөңөр деп атаган. Ошол Кара-Балтадан Олуя-Ата шаарынын тегерегинин баары, боз үйлүү көчмөндүү кыргыз жайгашкан. Таластын бою, батыш жагы Терстин суусу болот. Таластын Кичи-Буурул, Чоң-Буурул деген тоосу бар. Ошондон тартып, Курагатты деген суу бар. Башы Луговой ыстансасынан чыгат. Чүйдүн, Кара-Балтанын батыш жагында Үч-Кайыңды суусу бар, ошол суулар Курагаттыга куят. Ашмара, Мерке, Каракыштак, Карагатты, Чөңөр – ушул суулардын баары Курагаттыга куят. Курагатты Чүйгө куят. Ошол Үч-Кайыңдынын куйган жери Түйүшкөн деп аталчу мурун. Ушул ортонун баары кыргыз толо экен, – деп жазат Алымбеков Тургунбек.

Сүйлөшүүлөрдө эки тарап бири-бирине дооматтарын коюп, кыргыздардын тынчын Бердикожо, казак жагын Садыр алгандыгы айтылат. Элчилерден Түлөберди бий 21 жаштагы жигит курагында Абылай ханга сөзү менен жаккан жана ортодогу иштерди ал аркылуу бүткөрүүгө жетишкен. Алар мындан ары көчүп-конуу маршруттарын чектөө жана мүмкүн болсо бири-бирине жакын жайгашпоого милдеттенишкен. Кыргыз элчилери кайтып келгенден кийин, эки тарапта тынчтык орноп, Талас жагындагы кыргыз конуштарын казактардан алысырак жайгаштыруу жөнүндө Эсенгул баатырдын алдында макулдашылган (Алымбеков. №364. 22-б.).

Кыязы, бул сүйлөшүүлөр Абылай ханды канааттандырган эмес. Натыйжада, ал 1779-ж. Жети-Сууга келгендигин билдирип, өз уулун Кытайга элчиликке жөнөтк өн жана кыргыздарга каршы согушууга жардам сурап кайрылган (Сапаралиев. 1995. с. 96–97.). Ушул эле жылы Абылай өзүнүн уулу Сайдеке аркылуу Синьцзяндагы наместник Илэтуга жиберген катында, коңшулаш ээликтер менен болгон кагылышуулар жөнүндө баяндап, жардам катары 500–600 аскер жиберүүсүн суранган. (Супруненко. №5180.с. 29.). Мындан кийин тилмеч М. Бекчуриндин 1780-ж. 16-июнунда Н.Г. Огаревге жөнөткөн маалыматтарында, Абылай Кытайга кеткен уулунан кабар күтүп, Ташкенден алты күнчүлүк жердеги Талас суусунун боюнда өргүп жаткандыгы жана анын кол алдындагы казактар өз улустарына тарап кеткендиги айтылат (Сапаралиев. 1995. с.97.).

Келтирилген маалыматтар аркылуу болжолдосок, анда Абылай хан кыргыздарга чабуул жасап туруп, кийинкисинде цин аскеринен сураган жардамы болбой турганына көзү жеткендиктен, казактардын негизги күчү үйлөрүнө тарап кетишкен мүмкүн. Мындан бир аз мурун Садыр менен Момокон баш болгон кыргыздар Көшөгөнүн-Көкжото деген жердеги ботбай уруусунун Кудангул бутагындагы Абылайдын аскер башчыларынын бирин өлтүрүп кайтышкан. Ыңгайлуу учурду күтүп жаткан Абылай колун топтоп, кыргыздар менен беттешүүгө жөнөгөн. (Алымбеков. №364. 25-б.). Бул маалыматтар Абылай хандын кыргыздарга жасаган акыркы чабуулу жөнүндө кабар берет. Окуя 1779-ж. күзүндө же 1780-ж. эрте жазында болгон. Мындай версияларды бекемдей турган жазма булактарга кошумча төмөндөгүдөй оозеки маалыматтарды келтирүүгө болот. Ч. Валиханов жазып алган Абылай хан тууралуу ырда: «Ай, Жаугачым, Жаугачым сен бара тур, бара тур сумбуле туусун жалтыйып, ат семирисин кынтыйып», – дейт. Андан ары «тагы бир мезгил болганда сумбуле тууду жалтыйып, ат семирди кынтыйып… хан Абылай, таксыр хан улу бир йүзден кол жиди, кичи бир йүзден кол жиди…» деген саптарга караганда окуя күз мезгилинде болгондугунан кабар берет (Валиханов. 1964.с.259–260.). Абылай хандын ушул чабуулунун учурунда Эсенкул баатыр Үч-Алматыдагы жайлоосунан Ак-Бешимдеги күздөөсүнө конуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар дагы окуянын күз мезгилинде болгондугун далилдейт (Алымбеков. №364. 29-б.). Демек, Абылайдын бул чабуулун алдын-ала эч ким билген эмес. Ал өз колун үч багытка бөлүп, биринчисин Талас тарапка – Садыр баатырды көздөй, экинчисин Олуя-Ата тарапка, үчүнчүсүн Чүйгө – Жайыл баатырдын конушун карай аттандырган. Чабуулдун натыйжасында Садыр уулу менен Абылай хандын колуна түшөт. Жайыл баатыр катуу согушуп жеңилип, үч уулу менен туткундалат. Кичүүсү Жоогачтын кийлигишүүсү менен бошотулат. Мындан тышкары ушул согушта Таластан Чөңөр ашып солтого жардамга келе жаткан саруунун куу билек жана колпоч уруктары кыргыздын колу экен деп Абылайдын колуна туш болуп сокку жейт. Өзүлөрү баамдабастан казактардан талкалангандыгына байланыштуу элде «эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куу билек, колпоч өлдү» деген сөз калган.

Ушул окуялардан кийин Эсенгул баатыр башында турган кыргыз бийлери акылдашып, Абылай хан менен келишүү керек деген чечимге токтолушат. Бул максатта Абылай хандын Түйүшкөндөгү конушуна кайрадан Түлөбердини элчи кылып жөнөтүшөт. Барган элчилерди Абылай хан кабыл алып, чыр-чатактын чыгышына себепкер болгон жер жана конуш тууралуу маселени коёт. Абылай хан кыргыз менен казактын чеги катары: Күйүктүн белин, Кичи-Буурул – Чоң-Буурул тоолорун көргөзүп, аягы туптуура Түймөкенттен Таластын суусун кечип, Абылкайырды басып, Курагаттыны жээктеп, Түйүшкөндүн жана Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейинки аймактар аркылуу бөлүнүүгө тийиш деген талабын айтат. Абылайдын сөзүн угуп отурган Түлөберди, кыргыз башчыларына бул маселени жеткирерин жана өзүнүн көз карашы да бар экенин айтып: «…кыргыздардын каны көп төгүлгөн жер экенин билесиз, чек ошол Чокмордун белинен тартып Иленин Сарытогумуна чейин барып токтосун» деген (Алымбеков. №364. 32-б.). Түлөбердинин казактарга элчи болуп барышы жөнүндө маалыматтар Үмөт молдонун жазган маалыматтарында дагы эскерилет: «…Түлөберди бийлик кылган, каратмаган, жоого аттанып баатырлык кылмаган. Ол убакта солто деген элди бөлөкбай Байсейит тукумунан Кичибек (Кебек) деген киши билген. Абылай хандын заманы, Абылай ханга ээрчий бармак болгон. Шонда ар ким ар бирөөнү айткан. Кебек Түлөберди баланы жиберелик деген. Шол убакта Түлөберди он жети жашар бала болгон. Ата-энеси бермаган. Шонда Кебек ата энесине баламдын амандыгын сурасын, балам эмес журттун баласы деген сөз менен ата-энеси кабыл алып, солто тарабынан Түлөберди барган. Ташкент казак колунда, жанжколу Кара Байтик деген аким экен. Абылай ханды Ташкенден талкандан башка кыргыз элчилерин беремиз. Сураган Түлөберди аз гана кыргыз деген элбиз. Сиздин фанаңызда тынччылык менен өмүр сүрсөк деген сөзгө хан макул келип, тынччылык берүүгө убада берген. Мындан абийирлүү болуп келген, он тогуз жаштагы [Түлөберди] (Орто) жүздүн төрөсү Абылмыз ханга элчиге барган. Мындан да абийир тапкан. Жыйырма бир жашында орто жүздүн төрөсү Кудайменде ханга элчиге барган. Мындан да абийир тапкан. Кулаккайсар Кудайменде аталган төрө экен. Түлөбердинин кулагын ушалап, кулагыңды кесейинби? Абылайга бардым, Абылмызге бардым, неге кийин келдиң деген. Алар ишик кирдим, төргөнүңө чыктым. Кулак кессең кесерсиң, элчи эл садагасы кулак-баш деген. Бул сөздөрү ханга куп келип, кулагын коё берип, казака түшкөн кыргыздарын колуна берип, казак-кыргыздарды тынчтандырмака жана казака бир аялуу киши үй менен кепилдике кондуруп коюуга шарт болгон. Бир жакшы кыз алып берген. Өзүнүн катынылыкка алды деп, Түлөбердини Сирке деген катыны шол Кудайменде деген катын кайтып элине келип, Ак үйлүү дейт экен. Ол убактагы айыл ак үйлүү эч ким үй менен барууга көнбөгөн аялуу кишилер баласын да бермеген. Шол убакта (Түлөбердиден) Эшкожо деген бала туулган экен. Канай деген баласы энесинин курсагында, өзү көчүп барган казак ругу кери Аржакы бек деген кишинин колунда турган. Кыргыздан мал алып, казак-кыргызга алып берип, кыргыз малын алып казака алып берип, канча жыл тургандыгы маалим эмес. Канай туулуп, тили казакча чыгып, сүйлөп келген дейт» (Үмөт молдонун архивинен көчүрмө. №191, 301-б.).

Түлөберди кайтып келгенден кийин кеңешишип, бир бүтүмгө токтогон кыргыз бийлери Абылай менен тынчтык мамилени бекемдөөгө киришишет. 1780-ж. Абылай хандын алдына сол канаттан Туума бий менен Мама бий; солтодон Кебек бий менен Түлөберди; сарыбагыштан Эсенгул баатыр менен Атаке баатыр; бугулардан Бирназар бий; чекир саяктан Жамболот баатыр менен Качыке баатыр, каба саяктардан Сейит бий менен Келдибек бийлер барып, жер чегин ажыратып келишкен. Ал чек аранын батышы Күйүктүн бели менен Үч-Буурул тоолорун камтып, Түймөкент, Абылкайырдан өтүп, Курагаттынын Чүйгө куйган жери аркылуу Чокмордун кайкысын басып, Илени жээктеп келип, Үч-Алматыны камтууга тийиш болгон.

Ошону менен казак-кыргыз чек арасы: башы Үч-Алматыдан башталып – түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бел и, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы Кич и-Буурул – Чоң-Буурул тоолору, Терс суусу, Күйүктүн бели, Түлкүбаш тоолору чек болуп, Абылай хандын алдында бир бүтүмгө келишет (Алымбеков. №364. 35–36-б.б.; Алымбеков. №1454. 2-б.). Автор тактоо ирээтинде кыр гыздардын чеги: «Түндүк жагы Карабулак, Каштек, Үч-Алматы, Сарытогум, Иле менен Чүйдүн ортосундагы Күңг өй-Тескей тоолору»,– деп берет. (Мындагы айрым коор динаттар төмөндө И.А.Бардашевде берилген – Т.А.). Ал эми батыш жагы Бетегелүү Кой-Таш, Манкент үстүндөгү Чатк алга ашып түшө турган тоо өзөндү камтыган (Алымбе ков. №1454. 40-б.).

Тынчтыктын белгиси дешип шерт кылып, кыргызказак чыбыктарын кыркышып, кыргыз тарабы «ак үйлүүгө» Түлөберди бийди көчүрүп беришкен жана мындан аркы кыргыз-казак мамилелерине тийиштүү маселелер ал аркылуу чечиле тургандыгы макулдашылган. Сүйлөш үүлөрдүн жүрүшүндө Иле суусунун жогорку агымындагы жерлердин маселеси козголгон эмес. Мурунку боюнча эле суунун оң тарабы казактарга, сол тарабы кыргыздардыкы болуп кала берген. Бирок Абылай хандан кийин эки элдин ортосунда толук бейпилдик өкүм сүргөн деп айтуу кыйын. Анткени Абылай хан жөнүндө Семипалатинск чебинен маалымат топтоп келүүгө 1780-жылдын 16-июнунда барган М. Бекчуриндин көрсөтмөсүндө: «…өткөн апрель айында Абылай Түркстан шаарында болгон жана соодагерлердин айтуусу боюнча азыр Түркстандан кетип, Ташкенден алты күндүк жерде жайгашкан. Абылайдын колунда 200дөй гана киши турган, алардын көбү колго түшкөн түркмөн, калмак ж.б. туткундар жана кыргыздар тоодон түшүп келип, казактардан үч жолу жылкы тийип, кол салып кеткен», – деп айтылган. (Казахско-русские отношения. с.602.) Андан кийинки башкыр старшинасы К. Казанбаевдин 1781-жылдын 1-августунда Оренбург губерниясынын канцеляриясына берген маалыматында ошол эле кыргыздар Улуу жүздөгү Адил султандын ээлигине кол салып, бир канчасын өлтүрүп жана туткундаганын, эми Абылай хан өлгөндөн кийин мындай иштер казактардан өч алуу катары гана саналарын айткан. (Сапаралиев. 1995.с.97).

Ушуну менен кыргыз-казак башчыларынын сүйлөшүүлөрү аяктап, мындан ары тынчыйлы деп тарашат. Түлөберди казактарга ак үйлүү болуп көчүп барып, ортодогу ар кандай майда чыр-чатактарды чечип турат. Жогоруда белгилегендей санжырадагы маалыматтар боюнча Түлөберди көчүп барган мезгилде Эшкожонун төрөлүп калган маалы жана Канай курсактагы бала болот. Түлөберди казактардан Канай төрөлүп, анын тили казакча чыгып, сүйлөп калгандан кийин көчүп келген (Үмөт молдонун архивинен көчүрмө, 301-б.).

Капитан Андреевдин жазып кеткендери боюнча: «… алар (казактар – Т.А.) жай мезгилдеринде тоолук кыргыздар менен жайытташ болушуп, бир-бирине эч кандай залал келтиришпейт, бирок кокустан жаңжал башталып калса, Аягуз жана Каракул сууларын карай (Иленин оң жээги – Т.А.), көчүп, ал тургай Жиди-Сууга чейин кирип барышат» (Аристов, 2001. с. 439). Бул жөнүндө 1785-ж. кыргыз-казактын жогорудагы тынчтык келишимин бузган казактын Бердикожо баатырынын өз оозу менен айткандары күбө болот. Анын өз сөзү боюнча: «Ал Аягуз жана Каракол дарыяларынын боюнда, 18 жыл тоолук кыргыздар менен аралаш турушкан». 1785-ж. май айында анын Чынгыз тоого көчүп кетиш себебине «…анын болуштугу тоолук кыргыздар менен согушканда наймандардын эч кандай жардам бербей койгону болгон» (Аристов, 2001.с. 440.). Демек, Бердикожонун көчүп кетишине, анын кыргыздар менен кагылышып турушу себеп болгон. 1785-жылдын 13-июлунда ал Семипалатинск чебиндеги орустарга барганда, иниси Тыс 300 киши менен кыргыздарды тоноймун деп барып, колго түшкөнүн айткан. Ошол эле убакта деп жазат тарыхый маалыматта, башка талаа кыргыздары да жапайылардын тынчын алып (кыргыздардын – Т.А), бирок олуттуу ийгиликтерге жеткен эмес (Джамгерчинов, 1966, с. 17–18; Прудникова. № 5123.с. 87). Белгилүү болгондой Бердикожо баатыр 1786-ж. кыргыздарды чаап алууга келе жатканда Жылдызда (Жиди-Суу) Эсенгул баатыр алдын тосуп колго түшүрүп өлүм жазасына тарткан (караңыз: Джамгерчинов. 1966. с.18.).

Ушундай тарыхый булактарга көз жүгүртүп, жыйынтык чыгарсак, XVIII к. экинчи жарымында кыргыз-казак мамилелеринин татаалдашып кетишине карабастан, чарбалык жана саясий мамилелердин тең укуктуу даражада чечилип турганын көрөбүз. Буларга туруктуу болбосо дагы эки элдин ортосундагы чек ара маселесинин такталышы мисал боло алат.

XIX к. башталышында Кокон хандыгы өзүнүн басып алуучулук саясатын кыргыз-казак конуштарын карай багыттаган. 1814-ж. Түркстан шаары басып алынат. 1819-ж. Омор хан казактардын конушу жайгашкан аймактардагы Чымкент жана Сайрам шаарларын басып алат. 1822-ж. маанилүү стратегиялык таянычы катары Олуя-Ата чеби негизделет (Джамгерчинов. 1966. с.31, 43–44). Казак конуштарына Кокон бийлигинин орной башташы, алардын социалдык-саясий турмушуна терс таасирин тийгизбей коё алган эмес. Жергиликтүү элдер өз жерлеринде кысылыпкорунууга аргасыз болушкан. Натыйжада, казактардын Улуу жүздөгү урууларынын көбү кыргыздардын ээлик кылган жерлерине көчө баштап, Абылай хандын тушундагы бекемделген шерт кайрадан бузулган.

1814-ж. Чүй кыргыздарынын кокондук күчтөр менен биринчи жолу кагылышуусу болуп өтөт. Ушул кагылышууда солто уруусунан Канай баатыр кокондуктардын колуна түшүп, көп узабай таластык кыргыздардан чыккан Ажыбек датканын аракети менен туткундан бошотулат

(Солтоноев-1, 1993. 178-б.; Алымбеков. №1454. 35–38-б.б.). XIX к. 20-жылдарынын башталышында кокондуктардын кысымы кайрадан күч алат. Алардын аскер күчтөрү чүйлүк кыргыздардын конуштарын талап-тоноодон тышкары, алардын саясий турмушуна да ыксыз кийлигишип башташкан. Ушундай оор кырдаалдардын учурунда кокон бийлигинин козутуусу менен казактардан чыккан кээ бир кол башчылар кайрадан жер жана жайыт маселесин козгоп, Чүй суусунун төмөнкү агымы, Үч-Кайыңды менен Ашмаранын батышы жана Курагаттынын боюнан Олуя-Атага чейинки жерлерге талапкербиз, – деп чыгышат. Натыйжада, бул маселелер боюнча сарыбагыштардан – Ниязбек бий, Абайылда бий жана Таштамбек баатыр; солтолордон – Бектен баатыр, Боку бий, Адучу баатыр, Чынгыш баатыр, Канай баатыр жана Эшкожо бий; чекир саяктардан – Медет датка, Тайлак баатыр, саяктардан – Нарбото бий, Осмонбек; бугулардан – Боромбай, Муратаалы бий жана Тилекмат сыяктуу өкүлдөрү катышкан кеңеш өткөрүлөт (Алымбеков. №1454. 37–39.). Түзүлгөн кырдаалга карата маселени талкуулаган кыргыз бийлери коконго баш ийгиче Илеге көчөлү жана абал оңолгуча конуш маселеси боюнча азырынча казактарга жооп бербейли деп чечишкен. Ошону менен солто, сарыбагыш, саяк урууларынын Чүйдөгү айрым бөлүктөрү Илеге көчүп кетишет. Бирок көп убакыт өтпөй эле ата-конушун таштап кетүү, кокондуктарга баш ийүү менен барабар экенине түшүнүшкөн. Натыйжада, өз жерлерине кайтып келишкен. Маалыматтар ырастагандай, кокондуктардын кийлигишүүсү менен экинчи жолу кыргыз-казак конуштарынын чеги ажыратылган. Бул жолу чек ара: Чүй суусунун түндүгү, Күнгөй кырка тоолорунан тартып, Уландын учугу менен айланып, Ашмаранын Курагаттыга куйган жери Түйүшкөндөн токтогон. Курагаттыдан баштап Чал тоосуна чейинки жерлер казактардын карамагына өткөн (Алымбеков. №1454. с.39.). Ушул окуялардан көп узабай эле 1825-ж. Пишпек чеби тургузулуп, чүйлүк кыргыздар Мадали хандын бийлигин таанып, зекет төлөп турууга аргасыз болушат.

1852-ж. падыша өкмөтүнө Иленин сол өйүзүндөгү Чилик суусунун жогору жагына көчүп барып жердеп турушкан, сарыбагыш уруусунун манаптары Ормон менен Үмөтаалы өзүлөрүнүн падыша Николай Iге жазган катында Россиянын карамагына кабыл алуу өтүнүчүн билдиришкен жана Чүй–Иле сууларынын аралыгындагы жерлерге көчүп-конууга мүмкүнчүлүк берүүсүн суранышкан (Джамгерчинов. 1966. с.144.). Анткени аталган аймактагы казактын улуу жүз уруулары орустардын келишинен чочулап, кокондуктар ээлеген жерлерге көчүп кетишкен. Алтургай Ормон өзүнүн жазган катында: «…абдан чөгөлөп кара кыргыз деп аталган элге биз жактагы Чарын менен Чилик сууларынын аралыгындагы кышкы жана жайкы жерлерди берүүңүздү суранабыз …албан жана дуулат уруулары Иле дарыясынын нары жагын да, бери жагын да бирдей ээлеп алышпасын, бир эле тарабында болуп, бир жагында алар экинчи тарабында биз өзүнчө туруп, өзүбүзгө тиешелүү кылып атоо менен алар жагы чоң ордонуку (Улуу жүздүкү), бери жагы кара кыргыздардыкы деп аталса… Эгерде биз сураган жерлер берилип калса Күңгөй, Тескей жана Чүйдөгү калган элдердин көчүп келүүгө ниеттери бар, анда бизге Ала-Тоонун өзү жакын болуп калат. Менин эске алганым Жумгал, Кочкор, Нарын жана Кетмен-Төбөдөгү кара кыргыздар менен болгон байланыштар. Алар да Иленин бул тарабы бизге качан таандык болорун күтүп эле көчүүгө даяр турушат», – деп жазган. (Кыргызстан – Россия. 1998. с.151–152.) Ошондуктан Ормон орустардын карамагына өтүү маселесинен тышкары, бир мезгилдерде кыргыздарга тиешелүү болгон Чарын менен Кашкелең сууларынын аралыгындагы жерлерди кайтарып алууну көздөгөн. Буга себеп, учурунда Ормондун чоң атасы Эсенкул баатыр Иленин сол өйүзүндөгү Үч-Алматы, Сарытогум жайлоолорун туруктуу жайлап жүргөнү болгон. «Мурунку убакта Чиликтин жогорку агымы – Кара-Булактан Байсоорунга чейинки жерлер сарыбагыштардын туруктуу кыштоосу болгон», – деп жазат, 1859-ж. Ч. Валиханов (Валиханов, 1964. с.312). Чарын менен Чилик сууларынын жогору жактары мурун кыргыздарга тиешелүү болуп келгендигин башка маалыматтар да ырастайт (Зап. РГО. Т.5, СПб; 1851. с.141.; ЦГВИА РФ. ВУА. Оп.1, д. 18551, л.6–9). Россиянын карамагына өтүү жөнүндөгү Ормондун өтүнүчү канааттандырылганча, сураган жерлерге кыргыздардын көчүп-конуп жүрүшүнө падыша бийлиги тарабынан уруксат берилген. Кыргыздар бул аймактарды орус бийлигинин Верный чебин негиздешине, 1854-ж. чейин ээлеп турган деп айтууга болот.

Ал эми Чүй суусунун эки тарабын тең, кыргыздар орустар басып киргенге чейин ээлеп турушкан. «…Тоолук ордо, Чүй өрөөнүндөгү бул дарыянын эки жак жээгин бойлой, ага Кара-Балта суусу куйган жерине чейинки конуштарды ээлеп жүрүшкөн. Орустар тарабынан Верный чеби тургузулгандан кийин, ошол учурда Россиянын карамагына кирбеген солто жана сарыбагыш уруулары, ар кандай кооптонуулардан улам, Чүйдүн оң өйүзүн таштап кетишти. …Азыр, же мурун деле Ала-Тоо округунун чеги, Чүй суусу болуп эсептелип келген, бирок Чоң ордонун кыргыздары (казактары – Т.А.) тоолуктардан (кыргыздардан – Т.А.) сестенгени ошончо, бош калган

Каштек тоосунун күнгөйүнөн конуш алгысы келишпей, мурунку эле конуштарында отурушат», – деп жазат, оторчул бийликтин өкүлдөрүнүн бири (Архивные материалы №80. с.178–179). Демек, XIX к. 50–60 жылдарында казак уруулары Чүй суусунун оң өйүзүн али ээлеген эмес. Тилмеч И.А. Бардашев дагы ушул маалыматты ырастап, Чүй суусунун эки тарабында тең сарыбагыш уруусунун кыштоолору жана мол айдоо жерлери катары Кемин, Кертабылгы, Бийчеки, Эки-Карабулактан тартып, Токмоктун айланасындагы Каштек суусу менен Үч-Котур, Кара-Коңуз сууларында жайгашкан жерлер солто уруусунун бөлөкбай жана талкан уруктары менен аралаш жайгашкандыгын белгилейт (ЦГВИА РФ. ВУА. Оп.1, л.19 ).

Жогоруда  эскертилген  оторчу орус бийлигинин өкү- лү өзүнүн докладында дагы төмөнкүлөрдү кошумчалайт: «…Ала-Тоо округу менен Түркстан облусунун сол флангасынын чек арасы мурункудай эле Чүй суусу деп эсептелүүдө, андан Ала-Тоо округунун башчылары мага бир нече ирет кайрылып, аталган кара-кыргыз урууларын Ысык-Көлдүн күнгөйүнөн жана Чүйдүн оң жээгинен такыр эле сүрүп чыгаруу жөнүндө маселе коюшту. Бул талапты орундатууга кымындай да мүмкүнчүлүк таба албадым, анткени сарыбагыштар бул жерлерден сүрүлүп кетсе, анда алар айдоо жерлери менен көнүмүш кыштоолорунан айрылышат, а түгүл Чүй суусунун сол жээгинде жашаган башка урууларды да кысылууга дуушар кылышып, анын натыйжасында алардын негизги байлыгы мал чарбасына катуу кедерги тийгизмек» (Архивные материалы №80. с. 178–179).

Бирок буга карабастан, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын ичинен анча ишеними жок деп саналган Төрөгелди манапты Александр кырка тоосунун түштүк-чыгышы – Кочкор жана Каракол өрөөнүнө зордук менен көчүрүшкөн (Талызин. 1898. с. 38). Мындай тагдыр Чүйдөгү сарыбагыш Рыскулбек жана Ажы манаптарга да келген жана алар акыры Нарын аймагына көчүрүлгөн.

Аягында узак убакыттар бою көчмөн турмушта жашап келишкенине карабастан, кыргыз-казактардын ортосунда конуштары менен жайыттарын чектешкен келишимдер болуп, ал чек араларды ошол жерге жайгашкан ар уруулар көзөмөлдөп, бул маселе боюнча келишпестиктер пайда болгон учурда, ата-бабаларынын салтын улап адат боюнча жөнгө салып келишкен деген жыйынтык чыгарсак туура болот. Кылымдардан-кылымга чейин сакталып келген мындай салт Кокон хандыгы, жана Россия империясынын көчмөндөрдүн ички иштерине баштан-аяк кийлигишип баштаганда катуу өзгөрүүгө дуушар болуп, аягы падышалык Россиянын бул аймактарды жикке бөлүштүрүп, административдик бийлөө системасын ишке ашырганда, биротоло жок болду. Бирок падышачылыктын административдик башкаруу саясаты киргизилген учурда дагы, Чүй суусунун оң өйүзүндө жайгашкан жерлер жана аны камтыган Чыгыш-Ыргайты, Калыкуту, Ботбай ж.б. волосттор административдик жактан Пишпек уездинин карамагында кала берген (караңыз: Усенбаев. 1980. с.34–35.). Бул жерлер коңшу мамлекеттин карамагына 1920-жылдардагы совет бийлигинин Орто Азияны улуттук мамлекеттерге, автономияларга, чек араларга бөлүштүрүү мезгилинде биротоло өткөндүгүн көрөбүз.

Кошумча түшүнүк:

  1. Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы. Кыргыз Республикасынын УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазма фондусу. №364. (Мындан ары КР УИА КЖФ № деп беребиз)
  2. Алымбеков Т. Кокон хандыгына чейинки кыргыздардын турмушу жөнүндө.// КР УИА КЖФ №1454.
  3. Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или каракыргызы: Очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследование по его исторической гоеграфии. – Бишкек, 2001.
  4. Архивные материалы по истории Киргизии XIX века. КР УИА КЖФ. №80.
  5. Валиханов Ч.Ч. Дневник поездки на Иссык-Куль. Соч. в 5-ит. – Алма-Ата, 1964. Т.1.
  6. Джамгерчинов Б. Очерк политический истории Киргизии XIX в. (первая половина) – Фрунзе, 1966.
  1. Казахско-русское отношения в XVIII–XIX веках. (Сб. документов и материалов). – Алма-Ата, 1964.
  2. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч., II к. – XVIII к. Кытай булактарынан үзүндүлөр.) II т. Түз. К.Жусаев. А.Мокеев. Д.Сапаралиев. – Бишкек., 2003.
  3. Кыргызстан – Россия. История взаимоотношений (XVIII–XIX вв.). // Сб. документов и материалов. – Бишкек,1998. с.150–151.
  4. Прудникова Н.М. Материалы о кыргызах и казахах на страницах журналов «Сибирский вестник» (1818–1824 гг.) и «Азиатский вестник» (1825-1827 гг.).// КР УИА КЖФ №5123.
  5. Сапаралиев Д. О расселении киргизов в XVIII столетии // Актуальные вопросы этнографии и археологии Киргизии. Сб. стат. – Фрунзе, 1989.
  6. Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. – Бишкек, 1995.
  7. Сведения о Дикокаменных Киргизах собранная Толмачем Бардашевым. // ЦГВИА РФ. Ф. ВУА об.1, д. 18550.
  8. Супруненко Г.П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII -начало XIX веков. – Фрунзе, 1976. // КР УИА КЖФ № 5179.
  9. Супруненко Г.П. Китайские источники о киргизах в XVIII -нач. XIX в. (Тексты). – Фрунзе, 1979. // КР УИА КЖФ №5180.
  10. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. – Бишкек,1993.
  1. Талызин А. Пишпекский уезд. Исторический очерк (18551868 гг.): Памятная книжка Семиреченского областного статкомитета на 1889 г. т.2. – Верный, 1898.
  2. Усенбаев К.У. Общественно-экономическое отношения киргизов (второая половина XIX – начало XX вв. – Фрунзе,1980.
  3. Үмөт молдонун архивинен көчүрмө. // КР УИА КЖФ №191

                Э. ТУРГАНБАЕВ

XVIII КЫЛЫМДЫН ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМИЛЕЛЕРИ ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА

Бир элдин тарыхы канча узак болсо, аны изилдөө дагы ошончо таасир берип, башкы максат – анын тактыгы болуш керек эле. Тарых жазуу ушул критерий менен бааланса болмок. Ошондуктан мындан миңдеген жылдар мурунку эмес, башыбыздан өткөн кечээги тарыхыбызды изилдеп, жаңылап, толуктап турбасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн экен. Бул жагынан коңшуларыбыздан үлгү алууга болот. Кытай тарыхчылары изилдеп чыккандарды айтпай, бир аз мурун тарыхыбызды бөлбөй, бирдей карап жүргөн казак менен өзбек элинин тарыхынын азыркы абалына салыштырсак, анда биз алар сыяктуу өзүбүзгө тиешелүү тарыхый казалдарды басып чыгармак тургай, мурунку доордо жарык көргөн тарыхыбызды анализдеп, жаңыдан ачыкка чыгып жаткан даректер менен байланыштырып турууга чамабыз жетпей жаткансыйт.

Ушундай маселелердин ичинен азыр биз сөз кыла турганыбыз – XVIII кылымдарга тиешелүү болгон кыргызказак мамилелери. Аны учурунда белгилүү окумуштуулар В. Бартольд, Ч. Валиханов, тарыхчы Б. Солтоноев, тарыхчы-этнограф С. Абрамзон ж. б. кенен эле карап чыккан. Алардын атан төөгө жүк боло турган эмгегин баалабай койгон туура болбос, анын үстүнө алар биринчи жолу кыргыз-казак мамилелерин илимий негизде изилдөө жасап, бул кошуна элдин ортосундагы карама-каршылыктардын себебин аныктоого жасаган аракети эле канча эмгек?

Тилекке каршы, бул окумуштуулардын да туура эмес тыянактары бар. Алар алиге чейин такталбай жүргөндүктөн, кийин жазылган кыргыз-казак тарыхында бул окумуштуулар калтырган гана далилдер пайдаланылып, ал кезге тиешелүү көптөгөн жаңы фактылар кийинки изилдөөчүлөр тарабынан көңүлгө алынып, каралбай калган. Ушул себепке байланыштуу эки элдин тарыхына байланышкан көп окуяларга алиге чейин так эмес маалымат берип жүрөбүз. Көңүлгө алынбай, көмүскө калып, пайдаланылбай жүргөн кабарларды өз ичибизден деле тапсак болот. Болгону аларды башка тарыхый маалыматтар менен текшерип, салыштырып карап көрүү зарыл. Ошондой кабарлардын бири атасынан уккан сөзү катары Алымбеков Тургунбектин кол жазмасы. Анын Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда (КР УИА КЖФ) сакталып турганына 60 жылга чукулдап калыптыр. Андагы айтылган окуялардын башталуу себеби, жүрүшү, жыйынтыгы жана тактыгы жагынан карасак, кошумча маалымат катары тарыхыбызга тийгизе турган өзүнчө чоң салымы бар. Бирок тилекке каршы, биздин көптөгөн белгилүү тарыхчыларыбыз бул маалыматтарга көңүл бурбай, көңүл бургандары болсо аны үстүртөдөн карап, өз уруктарындагы ата-бабаларына ылайыктап, оңдоп-түзөп жиберишкен.

Сөзүбүз кур болбосун үчүн белгилүү тарыхчы С. Аттокуровдун 2003-ж. чыккан «Кыргыздар XVIII кылымда» деген китебинен бир нече мисал келтирели. Анда, жогорудагы Т. Алымбековдун кол жазмасынан алынган сөздөр экени атайы белгиленип, бирок бир эле убакта отуз барак көргөзүлүп: «…Абылай орто жүз казактарына «бош калган жерлерди ээлеп калгыла» деген. Ошого байланыштуу казак уруулары Олуя-Атадан Меркеге чейинки аянттарга көчүп келип жайланыша башташкан (автор көр сөткөн адабияттардын биринде да Орто жүз казагынын Олуя-Атадан Меркеге чейин ээлеп алганы жөнүндө маалымат жок). Муну көргөн кыргыз бийлери Ата конушту коргоого бел байлашкан. Алардын Таластагы Ала-Белдеги курултайында Садыр баатырды эли менен Таласка көчүп келүүсүн жана Чүйдүн батышына солтолордун, багыштардын жылуусун талап кылышкан. Бул чечим боюнча Садыр баатыр каба саяктарын көчүрүп келип Таластын капкасына коргон курдурган. Көп убакыт өтпөй ал хан деп жарыяланган жана түндүк кыргыздарды бириктирүү боюнча аракетке өткөнүн» жана «…Барак баш болгон казактын баатырлары өлгөндөн кийин алар тарабынан барымта азайганы менен Таласта жана Чүйдүн аягында жашаган кыргыздар козголо баштаганы» көрсөт үлөт[1]. Муну Т. Алымбековдун кол жазмасына салыштырып көрөлү: «…ал убакта ушул жакы кыргыздардын жөнүн Эсенкул билчү экен. Эсенкул ким? Маматкулдун Болотунун уулу. Солтону Каракчынын уулу Байсейит, Байсейиттин уулу Кебек бий билчү. Ага кошулуп, Кошойдун уулу Момокон башкаруучу экен. Жайылдын картайган кези экен[2]. Казак бетинде сарыбагыш, солто, куш чу, кытай, саруу болгон. Иле жагында сарыбагыш болгон. Солто Талас жагында аралаш болгон. Солто, сарыбагыш кыргыздар качпай согуша берген, бирок аз болуп көчүп жүрөт. Иле жак, Таластан наркы жак эл жайлоого көчкөндө бош калат. Бош калган жерге казак келип туруп алат Абылайкандын доорунда. Эсенкул баатыр Бөлөк бай Кебек бийди кыргызга кабарчы кылат: «Таласка, Капкага чогулалы!?» – деп. …Кыргыз Капкага чогулат. Эсенкул баатыр Кетмен-Төбөдөгү саякты: «Көчүп кел, ушул Талас, Чүйгө орносоңор боло!» – дейт[3]. Айырмасы асман менен жердей, б. а., автор санжырачынын атынан санжырада жок нерселерди киргизип жиберген.

Окуу куралы катары жазылган бул китепте мындай так эмес маалыматтардын өтө көп болгонуна карабай, кээ бир тарыхчылар кийинчерээк аны өз урууларынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып киришти.

Тарых критерийи аркылуу С. Аттокуровдун аталган эмгегине таянууга негиз жок[4] . Анткени ал китепти колдонуп жүргөн тарыхчылар ар бир сап сайын кыргыздардагы бир гана белгилүү уруунун кызыкчылыгы үчүн башка тарыхый адамдар жашаган чыныгы даталар кандайча чексиз узарып кетишин ж. б. каталарды кошо түшүндүрүп берүүсү зарыл. Мисалы, бир жерде «1754–1755-жылдары кыргыздар Ысык-Көлдүн түндүгүнөн калмактарды сүрүп чыгарууга аракет жасашат. Жалдуу Кабанын, Садыр баатырдын жана Темирдин отряддары адегенде Лама Доржинин анан Давацинин кошуундары менен күрөшүшүп, Ысык-Көлдү бошотууга шарт түзүшөт» делсе, кийинки бетте бул жылдар кайра 1745–1749-ж.ж. болуп, ага Качыке, Кашкелең кошулат[5]. Бирок 1745-ж. такка Лама Доржу эмес, иниси Ажа хан (1745–50) отурган. Лама Доржу (1750–53) 1753-ж. башында Даваци тарабынан өлтүргөндүктөн[6], 1754–55-ж.ж. ал кошуунга башчылык кыла албасын да жогорку билими бар ар бир тарыхчы билүүгө милдеттүү.

Андан ары (30–31, 34-беттер): «Эми мына каардуу душман аларды (кыргыздарды дегени) шамал айдаган булуттай ар жакка самсытты. …Эр жигиттер белин чечпей бүкүлү уктаган заманда Ала-Тоонун төрт бурчунан келгендер жана жергиликтүүлөр чогулуп Садыр баатырды аскер башчылыгына шайлап алышкан (бир жагынан алар самсып жүрүшсө, анан ошол замат эле Ала-Тоонун төрт бурчунан чогулуп жатышат). …Жанболоттун билегинен күч, көзүнөн курч кетип калганына карабастан жоонун дөөсү, атчандын арстаны кол баштаганга, жол баштаганга жарабаса да, туу алдына турганга жараган. Садыр баатыр Саруулардан жана Түнкатар, Түнтөй, Сарттардын кошуунун башкарган. …Хантайши казактарга каршы чабуулга кетери менен Садыр баатыр, Жалдуу Каба анчалык чоң эмес, бирок жакшы куралданган, тартиптүү отряд менен алардын ээликтерине кол салып, мал-мүлкүн талаптоноп кайра тартышчу» делет. Бул айтылган феноменди изилдөөгө тарых илиминин күчү жетпесин, ал үчүн антропология илими тарабынан экспертиза керек болорун эскертели. Анткени буга чейин жарык көргөн (мис., Тоголок молдо, Бала Айылчы, Талип молдо, Эсенкул Төрө кан уулу) же КР УИА КЖФындагы (Ы.Абдырахманов, Алымбек, Балыкооз, М. Кыпчаков ж. б.), кыргыз санжыраларында Садырга кошулуп Жалдуу Каба, Түнкатар, Түнт өйлөрдүн  кол башчы болуп, калмактарды сүрүп, Кыргызстанды бошоткону тууралуу, болбосо башка жерлерде (мисалы, саруулар менен сарттар уругунда) Түнкатар, Түнтөйлөр жөнүндө мындай фактылар жок. Муну мурун жарык көргөн илимий изилдөөлөргө салыштырса деле болмок. Анда Саяктан Боркемик, Өйдөчекти, Каба. Кабадан алтоо: Кутунай, Шыкмамат, Алакөз, Түнкатар, Кайдуулат, Түнтөй. Түнкатардан Туненбай. Туненбайдан Маирке. Маиркеден Чоке, Чокеден Сокай, Сокайдан Качканак, Качканактан дагы алты бала – бири Арзымат. Арзыматтан Сейит, Бекболот, Садыр экени айтылат[7]. Көрүнүп тургандай Каба-Түнкатар-Түненбай-Маирке-Чоке-Сокай-Качканак Садырдын 8–7 муун мурунку аталары болуп чыгат.

Демек, булар терең изилденбей (ушул эле автордун 1995-ж. жарыкка чыккан «Кыргыз санжырасы» китебинин 93-б. башкача айтылат) жазылган. Оозеки санжыраларда деле Жанболоттун калмактарга барганы тууралуу кабар жок, тек, кытайлыктардын колуна түшүп өлгөнү айтылат[8]. Тарыхый маалыматтарда 1789-ж. Цин бийлигинин колуна туткунга түшкөн «бурут Чжаньполате» жөнүндө эскерилсе[9], Жанболоттун неберелери Атантай-Тайлак 1800-жылдары туулган деп эсептелет (тарыхта ата-бала ортосу 25 жыл менен эсептелсе, Атантай-Тайлактын 200 жылдыгы 2002-ж. белгиленди). Бул даталар кытай тарыхындагы маалыматтар менен дал келет.

Андан ары китепте (30-б.): «…Тогуз-Торого сарыбагыштан Болот уулдары менен келген. «Жаңы туугандар» (тырмакчага алынганы какшык болсо керек) канааттана көнүшүп бир атанын балдарыбыз дешип Кошойду бий шайлашып, Болотту жүз башылыка көтөрүп алышкан. Саяк менен басыз Садыр, Жанболот, Качыке баатырларга эки тизгин бир чылбырды беришкен» делип, сарыбагышсолто өзүнчө, саяк-басыз өзүнчө бөлүнүп, көп узабай (36-б.): «…Мына ошентип Жайыл баатыр деген наамды кандуу кыргындагы эмгеги үчүн алган. Мындан кийин «Жаңы туугандардын» жана алардын бийи Кошойдун уулунун зоболосу көтөрүлүп, башкаларга тең тууган тааныла баштаганы», анан (38-б.) сарыбагыш уругу кайра «жаңы туугандарынан» бөлүнүп (чынын айталы, эч кандай логиканын жогунан кээ беттерге тарых илимине тиешеси бар адамдын да түшүнүүсү кыйын); «…Сарыбагыштардын экинчи бөлүгүн Маматкул башкарган. Бул инсан айылы менен бир нече жолу Ферганага, Таласка качып, аяка батпай, адегенде Тогуз-Торого, анан Нарын өрөөнүнө келген (калмактар кеткенден кийин)» делип, далили жок жыйынтыктарга жол берилген. Мындай жыйынтыктардын болушу – автор тарабынан ал маселелер канааттандырарлык изилденбегени же көптөгөн тарыхый нускалар пайдаланбай (жөн гана аталып), үстүртөдөн жазылышы – окуу куралы жарык көргөнгө чейин ал эч жерде редакцияланбай, автордун диктовкасы менен жаралганын далилдейт. Аты чыккан окумуштуулардын китеби минтип тарыхты бурмалап кирсе, акыры тарыхчылар – врачтар Гипократка ант берген сыяктуу – тарых атасы Геродотко ант берүүгө тийиш го деген ой келет. Болбосо, белгилүү китаевед Г. П. Супруненко которгон кытай хроникаларында (бул котормону китебинде колдонгонун автор эскертет) 1758-ж. Цин элчилери келгенде же автор баса белгилеген («калмактар кеткенден кийин келип, жүз башы») болгон Болоттун эли 2 миң түтүн экени көрсөтүл гөн: «…В Туюй Хуяр (? Туюк жар) обрабатывают землю и пасут скот 2 тысячи семей Болата сары багыш бурутов»[10]. Андан ары Цин элчилери жазган докладда: «…затем отправились в Талас к сыну предводителя Майтака – Эшбото[11]. …Спрашивали Эшбото и узнали, что в Таласе 4 тысячи семей управлением бия Маматкули и его помощников Каработо, Майтака, Акбая» (которуудан ар кандай күдүк ойлор кетпес үчүн оригиналдагы тил менен берилди) деген маалымат бар. Булардан тышкары: «…23 числа 6 луны шивей Телуньтай доложил, что племянник Каработо.., Хебици преклонив колени сказал; мы, буруты разделяемся на левое и правое крыло. Правым крылом управляет Мамутхули, левым крылом правит Каработо» деген да маалымат турат[12]. Бул жерде бүткүл кыргыз оң-солго бөлүнүп, кытайлыктарга берген Эшботонун көрсөт мөсү боюнча ошол; «бүт оң-солдун үстүнөн» ал эми Хебици аркылуу; «оң жакы кыргыздын баарын Маматкул башкарып, анын кол алдында 4 миң түтүн эли бар» деген маал ы матты тарыхчы көргүсү келген эмес. Көрүнүп тургандай, жогорку билими бар бул тарыхчыга караганда атайы алган билими жок болсо да Алымбек айткан санжыра туура болуп жатат. Мындан башка 23-бетте: «1745-ж. Г. Церен өлгөндөн кийин бийликке Лама Доржи келгени» жана (29-б.) кытайлык тарыхчы А. Байтурдун эмгегиндеги 2-томунун 96-бети көрсөтүлбөй, сөзмө-сөз көчүрүлгөн жери бар. Эми мындай оркойгон каталары бар китепти окуу куралы катары пайдаланууга кантип болсун деген суроону ачык бойдон калтыралы.

Ачыгын айтканда, акыркы учурларда кыргыз тарыхына такталбаган кээ бир маалыматтар шашылыш киргизилип, аны көбүртүп-жабыртуу менен туш келген жерде пайдалануу көбүрөөк кезиге баштады. Тарых жалпы элге тийиштүү болгондуктан, кандай маалымат болсо да, адегенде аны ар тараптан салыштырып-тактоо менен жы йынтык чыгаруу керек эле. Албетте, Садыр менен Жайыл дын кыргыз тарыхындагы ордун эч ким жокко чыгара албайт. Бирок белгилүү инсандардын өмүрүн изилдөөдө алардын ишмердигине тийиштүү бардык тарыхый фактылар көңүлгө алынышы абзел. Антпесек алардын өмү рүнө байланышы бар башка инсандар менен кошуна элдин өткөнүнө доо кетет. Мисалы, өткөнүбүздү туура аныктасак: «Ооба, бул жашоодо өз доорунун «Кан ичер» Абылай хандары, Гитлери, Моджохеддери, террорлору болбогондо, адам баласынын айкөлдүгү, акылмандуулугу, …балким, байкалбай калмак»[13] деген ой жүгүртүүлөр менен орус жана жунгар баскынчыларына каршы күрөшкөн башкыр элинин уулу Миңлигул (Миндигул) Жолоевди (тарыхта «Карасакал» деген ат менен калган) «чыккынчы, алдамчы»[14] деп атоого жол бермек эмеспиз.

Болбосо, XVIII кылымда жашап, орду Жайыл менен Садырдан да жогору турган инсандар көп. Жетигенден Эр Солтоной, солтодон бөлөкбай Кебек бий, талкандан Түлөберди – Бөрүбай, саяктан Түлкү уулу Качыке, саруу дан Туума бий ж. б. сыяктуулар бар. Булардын ишмердүүлүгү бир бири менен тыкыз байланышта болуп, бири-бирисиз же бирин-эки гана уруу калмакты сүрүп, конушун казактан коргой алмак эмес.

Өзгөчө Түлөберди 22 жаш курагында жаман-жакшыны ажырата билип, мамлекет тарабынан чечиле турган чоң маселени мойнуна алып: «…өлгөн, майып болгон, таланган, колго түшкөн биздин солто жана менин бир туугандарым, сиздер айтпасаңыздар да мен барам!» – деп, Абылайдын алдына барып, туткунга кеткен туугандарынын бир тобун бошотуп, казак-кыргыз ортосунда алгачкы жолу чек ара тактап, казактарга Сарытокумдун жайын айтып, талашып келгени биздин С. Аттокуров сыяктуу тарыхчыларыбыздын баасына татыбай калган. Тескерисинче, бул тарыхчыларыбыз көпчүлүктүн «койгула» дегенине болбой, казактарга катылган Жайыл, Садырдын айынан талкан, кушчу, саруу-колпочтон канча адам кырылып, канчасы туткунга кеткени эмес, бул экөөнүн «хан» болгон же болбогон маселеси биринчи орунга чыккан.

С. Аттокуров козгогон өз уругундагы кээ бир гана адамдарды көтөрмөлөө маселеси азыр да уланууда. Буга тарыхчы Д. Сапаралиевдин макаласы күбө боло алат. Анда ал кыргыздарда хандардын келип чыгыш маселесин кароого аракет кылып: «…Бул уруу топтору – башкалардан бөтөнчө көчмөн бирикме катары жакын бир туугандар эмес, негизинен, территориялык түзүлүштөгү калк болуп саналышкан. Алардын ар бири өз алдынча административдик-саясий биримдик болушуп, өздөрүнүн мал үчүн белгиси (эн тамгасы), жалпы согуштук чакырыгы (урааны), өздүк туусу, ал эми башкаруу бийлердин өздүк мөөрү жана 40 жигити болгон. Бийлик тукум куума болуп, атасынан баласына, баласы жок болсо, агасы өлсө кичүү инисине өткөн» (баса белгиленди) деп туруп: «…Бийлер бир-бирине көз карандысыз болгон. Орус окумуштуусу К.К. Пален XIX к. эле мындай урук бирикмелерди «кичинекей мамлекеттер» деп атаганы да биз үчүн өтө кызыктуу. Бул көз карашты XX кылымда Кыргызстандык тарыхчы Константин Петров да ырастап мындайча сүрөттөйт; кыргыз уруусу формалдуу түрдө жана иш жүзүндө кандайдыр бир жагынан грек карлик шаар-мамлекети (полис) сыяктуу өз алдынча жашаган «мамлекеттик организм» болгон»[15] – деп, бирин-эки орус окумуштуулары аркылуу жыйынтык чыгарат.

Эми Д. Сапаралиев өткөн тарыхыбызды изилдөө боюн ча чоң адистердин бири экенине талаш жок, өзгөчө «Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке» эмгегинде бул мезгилдеги проблемаларды кенен жана так изилдөөгө жасаган аракетин көз жаздымга калтырууга мүмкүн эмес. Бирок тарыхыбыз бир киши үчүн жазылбай, жалпы кыргыз элине таандык болгондуктан бизге «Платондун достугу эмес, чындыктын чыркырап калбашы үчүн» жаныбызды күйгүзүү милдет. Ошондуктан анын мурунку эмгеги аркылуу башка макалаларын көз жумдуга сала берсек, биздин тарых илимибиз гана утуларын унутпашыбыз керек экенин эске алып, кээ бир жерлерин так мисалдар менен толуктай албаганын көрсөтүп жатабыз. Демек, бул жерде тарыхчы эмне үчүн улуттук менталитетибизди өз алдынча изилдөөгө албастан, башка окумуштууларга гана таянганы окурмандарга табышмак болуп жатканын жашырууга болбостур.

Анткени Пален кыргыздарга караганда көбүнчө казак урууларынын түзүлүшүн изилдеген. Сөзүбүз так болсун үчүн азыр тарыхчы келтирген жогорудагы цитатаны Оренбург крайынын губернатору И.И. Неплюевдин 1748-ж. 26-август айындагы тышкы иштер коллегиясына берген донесениясы менен салыштырып көрөлү: «…Өзүңүзгө белгилүү болгондой, кыргыз-кайсак арасындагы хандардын бийлиги өз элинде кандай деңгээлде алсыз экени бизге маалым. Алар өздөрүн канча көтөрмөлөгөнү менен башка султандардын алдында дарамети жок. …Бирөөсү күчтөнүп кеткен күнү хандык даражага ошол жетет. Мисалы, Абылкайыр хан бир кезде күчтүү жоокер болуп кол баштап, хандыкка жеткен. Адат боюнча бийлик мурас боюнча калган эмес, хандык жана султандык тегин карап гана аларды эл шайлайт (баса белгиленди). Сакалдуулары менен эл чогулуп, кай султанды жактырышса, ошол адам хан болот. Бирок алардын күчү хандыкта эмес, чарба иштерин чечүүдөгү акыл-парасатына жараша болот. …хандарды мурас жолу менен шайлаган ыңгайлуудай көрүнөт, бирок сакалдуулар менен калк каалабаса, анда аларды зордукка салып көндүрүү туура эмес болор» – дейт[16]. Анан Абылкайыр хан өлгөндөн кийин анын уулу Нуралы бүт Кичүү жүзгө хан шайланганына карабай, анын душманы Баатыр султан аз болсо да өз элин чогултуп хан шайланып: «Менин уулум Кайыпжан Хиванын ханы. Ошондуктан мен аз казак болсо да хан шайланышым керек. Нуралынын хан шайланышына менин тиешем жок. Ар кимдин өз эли бар. Мисалы, Орто жүздөгү Күчүк хан бардык жүздү башкарбаганы менен хан аты бар» – деп түшүндүрөт. Ошентип, Кичүү жүздүн кээ бир чөмөкөй, чекти, төрткара, карасакал уруу башчылары Баатыр султанды хан шайлаган2. Бул мисалдан бир-бирине көз карандысыздык казактын султандарында гана кезигип, ага себеп казактар ээлеген аймактын кеңдиги жана элдин тез-тез орун которуп көчүп жүрүшү болгонун көрөбүз. Казактарга салыштырмалуу кыргыздар бул мезгилде кичине гана аймакты ээлеп, негизинен, эки канатка – оң-солго бөлүнүп, Ак уул-Куу уул деп, өз-өзүнчө жакын тууган болушкан. «Ат сүрөгөндө, балбан күрөш, эр сайыш, урушка киргенде ар бир уруу өз ураанын кыйкырып салып чакырышкан. Муну ураан чакыруу деген. Долон бийдин Ак уул аттуу аксакал уулу тазалыкты сактаган, жакшы кийинген, ичинген, жанын абдан баккан киши болгон экен. Ошондуктан эл ага Жанкороз деген наам беришет. Бир күнү Долон бийдин бардык балдары чогулуп, эми өзүбүзгө ураан коёлу дегенде Ак уулдун балдары: – Биздин урааныбыз «Жанкороз» эле болсун дешет» – дейт[17]. Демек, жалпы оң уруу (Тагай) өздөрүн жакын туугандар катары санашкан. Мындан тышкары эски фольклорду жакшы билген Бишкек шаарынын тургуну К. Эсенбаев да: «Манасчы Балыкооз Ажыбектин (сол – саруу) колунда жүргөндө, Байтик (оң – солто) анын сарыбагыштын (оң) чоңчарык уругунан экенин билип, сен экөөбүз бир тууганбыз. Тагайдын кулуну болобуз деп, Чүйгө көчүрүп келген» – дейт. Анан кандайча тарыхчыбыз айткан «башкалардан бөтөнчө көчмөн бирикме катары жакын бир туугандар эмес» болуп калат? Булар менен кошо, бир уруудан экинчи урууларга келип, «тондуу балдар» деп аталышып, ошол уруунун атын, ураанын чакырып калгандар тууралуу да мисалдар көп. Дагы бир мисал, Кемин шаарчасынын тургуну А. Супатаев: «…Белек бөлүнүп, калмактарга кызмат кылып кеткенде Маматкул бий:

…Байгара менен Жамбылда май жегенде бирге элек, Калмак менен Калыкутуда кан жегенде бирге элек! Казак кайың саап, кыргыз Ысар качып, Ак таман чор болгондо кайда кеттиң сен Белек? – деп, күнөө койгон» – дейт. Бул жерде мурун бугу уруусу башка уруулар менен чогуу бир бийликте болуп, качан калмак кыргызды чапканда, анын бир бийликтен бөлүнүп кеткенин күнөөлөп, тогуздап айып алып жатат[18]. Ушуга окшогон көрүнүштөр изилдөөдөн сыртка калбашы керек. Ушинтип, бугу уруусунун кайрадан Маматкулга баш ийиши менен бүткүл кыргыз эли XVIII к. ичинде бир бийликке өткөнүн көрөбүз. Муну Си-юй-ту-чжи нускаларына таянган Н.А. Аристов да: «Чыгыш буруттарынын ордосу бешке бөлүнүп, булардын ичинен үчөөсү өзгөчө белгилүү: саяк болуштугунун (оток) башчылары көп, алар болжол менен 1000ге жакын түтүн, биринчи башчыларынан болгон бирөөнүн аты Турукибай (Түлкү); бир нече башчыларга тийиштүү сарабакаши (сарыбагыш) болуштугунун башкы башчысы Чоликдзи (Черикчи) болуп, алардын да саны 1000 түтүнгө жакын. Таласка жакын туруп, бир нече башчылары болгон дагы бир уруунун башчысы Майтак (Майтык); алар 4000 түтүнгө жетет.

Бул уруу башчылары бир-бирине көз каранды эмес; ар жыл сайын алар өз ичинен бирөөнү таңдайт, ал жалпыга бийлик кылып, бардык иштерге баш-көз болот. Анын чан (кытай сөзү) же союз башчысынын аты Мамук-кули (Маматкул), бардык уруулардын башында турат, бирок убактылуу башкарат» – деп ырастайт (Н. Аристовго С. Абрамзон да кошулат)[19]. Мындан улам кыргызда уруу топтору территориялык негизде эмес – саякты Түлкү, сарыбагышты Черикчи бийлеп, бир уруудагы туугандар өзүнчө чогуу турган деген тыянак чыгат. Ал эми бирбирине көз карандысыз деген сөздү уруу башчыларынын колундагы бийлик гана баарына тең деп түшүнүү керек, анткени алар өз ара бир-бирине көз каранды болбогону менен кезегинде кайра өз ичинен бардык иштерди чече ала турган бир кишини жогорку бийликке шайлап жатышат. Эгер ар уруулар өзүнчө «кичинекей мамлекетке» айланса, баары биригип бир кишини бий шайлоого негиз жок болмок. Изилдөөчү Ы. Абдрахманов да: «Наамы берки уруу башчыларынан жогору болуп, бийлиги ханга тете болсо да бий деп аталып калган. …Ортолук кезде кыргызды бий бийлеген. Кыргыз бийи менен казак бийин оболу кудай каалап, андан кийин калк каалашкан. Алар жашынан эле акыл-парасатын элден ашырып барып, бий болушат экен. Кыргызда бийди хан ордуна шайлап коюшат экен. …Качан өз тукуму үзүлгөнчө бийлик ата-мурас болуп, тукум кууп отурган» – дейт[20][21].

Макала хан титулдарына арналып жатканда, ага тиешелүү маалыматтын баарына көңүл буруу керек эле. Анткени Чыңгыз хан Орто Азияны каратып алгандан кийин хан шайланууга Темучин-Чыңгыз хандын тукумуна укук берген жаңы эреже жаралып, ушул себептен башка калктын башчылары бий, бек, улусбеги, эмир деп атала баштаган. Бул тууралуу маалыматтарды жетиштүү дешке болот. Мисалы, Чыңгыз ханга чейин кыргыздын Ороз, Отор, Баласагын, Ташы деген хандары болгон3. Макалага түз тиешеси бар болсо да, мындай маалыматтар эмне үчүндүр изилдөөдөн сыртта калган.

Д. Сапаралиевдин өзү да ушул макаласында И. Ан дреевге таянып, XVIII к. экинчи жарымында Тянь-Шандагы кыргыздарда «эч кандай хан жана султан жок», жалгыз «князы» же «бийи» бар» деген маалыматка макул болуп: «Ал сарыбагыш уруусунун өкүлү Атаке Тынай бий» дейт. Бирок көп өтпөй өзүнө өзү каршы болуп: «Кыргыз фольклордук ынанымдуу материалдарда жана тарыхый документтерде XVII–XIX хан даражасы менен аталгандар төмөнкүлөр» – деп, ага «багыш уруусунан Тейиш Түлкү уулу (XVII к.) Кудаян Сарсеит уулу (XVII к.), Маматкулу Үчке уулу (XVII–XVIII к.к.), Ормон Ниязбек уулу ж.б. атап, анан Б.Солтоноевге таянып; XVII–XVIII к.к. жашаган Белек Жаманкул уулу менен шапырашты Казыбек бек Тауасарулынын (макалада Таусар уулу деп берилген) «Түптукианнан өзүмө шейин» деген китебинен мисал кылып, солто уруусунан Коңурбай уулу Жайылды, акыры Садыр Арзымат уулун хан болгон деген жыйынтыкка токтойт[22].

Көңүл коюп окуган киши акыры «бийлик тукум куума болуп, атасынан баласына, баласы жок болсо, агасы өлсө кичүү инисине өткөн» деген тыянагына карабай: «Жайыл өлгөн соң кыргыздардагы хандык вазипа Арзымат уулу Садырга тийген. Аны кыргыз бийлери ак кийизге отургузушуп, көчмөндөрдүн традициялык жөрөлгөсүн аткарышып, өзүлөрүнө хан деп шайлашкан» деген[23] жаңы тыянагын көрөт. С. Аттокуров, К. Пален, В. Владимирцов, И. Андреевге бир тараптуу катуу басым жасаган табышмагынын сыры ушул. Бирок тарыхчы мунусу менен Атаке «хан» болбогон жерде И. Андреевди толук колдосо, Атакенин замандашы Белек, Садыр, Жайылга келгенде, кайра ага таптакыр каршы чыгып жатат. Төртөө тең XVIII к. жашаган.

Демек, изилденип жаткан материалдарды бир нече нускага салыштырбай, жалгыз эле Казыбек бекке ишенип, башка маалыматтарды көңүлгө албоо туура болбойт. Же бир гана кишинин айтканына таяна берсек, анда кыргыздын ар бир уруусунун хандарын тарыхка киргизүү керек. Алар болсо көп. Мисалы, Мөкүш Шабдан уулу, Канат Ыбыке уулу, Тезекбай Түлкү уулу, Көкүмбай Чыны уулу, Батыркан Райымбек уулу ж. б. Буларга Чыныбай Тилекмат уулун да кошууга болот[24].

Чынында Белек, Садыр, Жайылдардын хан болгону тууралуу тарых так маалымат бербейт. Автор аны дагы башка маалыматтарга салыштырган эмес. Болгону монголдордун тарыхын изилдеген В. Я. Владимирцовго таянуу менен «хан» титулунун мааниси …адатта согуш учурунда алдыга чыкканын көрсөтөт. Эмесе, ошол эле Б. Сол тоноевдеги Белек жөнүндөгү мисалды толук келтирели: «Калмак заманында бугу кыргызы Белекти хан дейт. Деген менен тарыхын текшере келгенде калмактын кыргыздарга баш кылып койгон бир киши болуп, анын үстүнөн калмак караган. Кыскасы, кыргызда анык хан даражасында хан болгон эмес» – деп туруп, бирок кылган ишин айтып, кедейлерди хандардан жаман эзгенин көрсөткөн[25]. Ушунча маалыматтын ичинен авторго «калмак заманында бугу кыргызы Белекти хан дегени» гана жетиштүү болгон.

Макаланын көп жеринде автор стилистикалык каталарга жол берген жана өзүнө өзү бир нече жолу каршы болгонуна карабай, этиштин ниет ыңгайы аркылуу жыйынтык чыгарат. Мисалы, Ормондун хан болгон мез гилин көрсөтүп: «…Көбүнесе өзүнүн бийлигинин мыйзам ченемдүүлүгүн жана кыргыз элинин биримдигин камсыз кылыш максатында элибиздин санжырасын жаңы нукта түздүргөн. Бул чыгарма «Жоопнаама» аталышта окумуштуулар арасында белгилүү, бирок толук мазмуну жоготулган» – деп (толук мазмуну жоготулса, автор анын «жаңы нукта түздүргөнүн» кандай жол менен аныктаганын жана Б. Солтоноевден башка кайсы окумуштууга белгилүү болгонун түшүндүрбөйт), анан ал чыгарманы монгол, казак, кокондуктарга салыштырып, хандык бийликти Ормон өз уруусуна гана жеке таандык кылууга жасаган аракети экенин божомолдоп: «…өзүнүн түздөнтүз жетинчи атасы өкүмдар адам Манап Дөөлөс уулунун тукумдарына жаңыдан кайра борбордоштурулган кыргыз мамлекетиндеги жогорку бийликти биротоло ыйгарууну самаган окшойт» – деп жыйынтыктайт[26], жогоруда «бийлик тукум куума болуп, атасынан баласына, баласы жок болсо, агасы өлсө кичүү инисине өткөн» деп, өзү айтканын кайра өзү жокко чыгарып. Анткени Ормондун аталары ким болгону тууралуу Б. Солтоноев менен аталган Г. Супруненконун котормосунан башка «Жоопнааманы» окубаган санжыраларда да (О. Сыдыков, Ы. Абдрахманов, Т. Алымбеков, М. Байгаринов ж. б.), Ормондон Тагайга чейинки тарыхы кенен камтылган. Ал эми Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн тарыхын карап, жогорку айтылгандарды өз алдынча бекемдеген К. Халид «хан» деген түшүнүктү түрк тилинен «улук», «чен», арабча «амир», «ажам», «падышах» деген сөздөр менен шайкештирип, «Усулы тауарих» китебине таянып, хан атагына «төрт атадан хан, же бек болсо жетет» деп, «Кагидайы өзбеки» китеби боюнча «хан атына ылайык болуш үчүн тогуз ата туташ бий, бек болуу керек, эзелтеден берки заң ушундай. Бул шарт толбогон соң Аксак Темир да хан атына ээ болбогонун» жазат[27]. Демек, мусулман калкынын шарты ушундай болуп, бул шарт хан шайланып жаткан бардык адамга тийиштүү болгон.

«Жоопнаама» тууралуу Б. Солтоноев: «Ормон хан болгондо намагандык бир молдого жаздырыптыр, мунун башында көбүнчө дин тууралуу жазылып, адам өлгөндө суракчы келгенде аларга кандай жооп берүү тууралуу жазылып пайдалуу жери, Тагай тукумун, көбүнчө Манап насилин, ата-бабаларын, анан солто, бугу, саяк, сарыбагыш, азык, черик, коңурат, моңолдордун кандайча таралганын көрсөткөн» – дейт. Бирок анда деле бийликти Ормондун өз уругуна жеке таандык кылып алганы үчүн жазылганы айтылбайт же Б. Солтоноевдин «Жоопнаама» менен тааныштыгы кыргыз тарыхын жазууда эч таасир берген эмес, тактаганга гана жардам берип, ал түгүл, кээ бир карыялардын өз уруусун тарыхын мактаган жерин башкалардан сурап-тактап, тунуктаганын жазган[28].

«Жоопнаама» деп аталуунун себеби да адам өлгөндө суракчы келет деген мааниде болуу керек, анткени мындай сурак-жоопту колунан келгендер молдого акы берип жана ага куран жазмаларын кошуп, тукумуна өз ата-бабаларын так билип жүрүү үчүн атайы жаздырып алышканы белгилүү. Мисалы, ошол эле К. Эсенбаевдин айтуусу боюнча манасчы Шапактын да Тугурдан берки тукуму жөнүндө ушундай кол жазмасы болуп, бирок 1937-ж. репрессия маалында коркконунан өз колу менен өрттөп жибергенин айтат же аны башка уруктун адамдарына таңуу лагандары жөнүндө далил жок.

Эсибизге ала турган дагы бир жагдай бар. Анткени ошол доордогу саясий абал чындыкты дал өзүндөй кылып жазууга мүмкүндүк берген эмес. Буга тарыхчынын кийинки кайгылуу тагдыры күбө. Ошондуктан Б. Солтоноев: «…Бул тарыхты жазып жүргөнүмдө кайсы жеринен калет кетер экен деп калемимди бирдар саат шилтебестен кармап отурган чагым болду» – дейт[29].

Натыйжада, мындай психологиялык оор басымдын натый жасында калыс болууга артыкча аракет кылып, ошол мезгилдеги жаңы, советтик түзүлүшкө карата жасаган мамилеси менен эмгегинин көп жеринде Ормондун тукумундагы кээ бир белгилүү адамдардын ордун өтө төмөндөтүп койгону ачык эле байкалат. Муну көп тарыхчылар көрмөксөнгө салып жүрөт. Бирок болжолдонуп, «жаңы нукта тарых түздүргөн, хандыкты өзүнө ыйгаргысы келген окшойт» деген сөздөр так далилдер менен далилдениши керек. Болбосо, бул жоромолдордун натыйжасында Ормондун укугу жок туруп, бийликти зордук менен тартып алгандай түшүнүк чыгат.

Экинчи жагынан, Б. Солтоноев кыргыз-казак мамилелеринин бузулушун; «Кыргыз менен казактын арасы Санбарак жеңилген соң катуу бузулуп, кыргыздын көкүрөгү өсүп, казакты баштагыдан бетер уурдап-талап, жыгып алып карактап, чоң кордук көрсөткөн…» – деп, үстүртөдөн карап, анын анык себебин терең, так ачып берүүгө аракет кылбай: «Абылайдын көп аскери менен келип жатканы тууралуу солтолор башка кыргыздарга кабар бербестен жана Абылай хандан эч бир кооп кылбас тан, камынбай бейкут жата бергенин» жана согуш башталганда, «Бүткүл сарбагыш кошуп (? кошулуп) согушпастан, бириндеп урушкан. Ушул себептен кыргыз сарбагыш феодалынан саналган Эсенкул урушка катышпаган»[30] деген тыянакка токтойт. Окуянын бир бүтүндүгүнө карабай, бул жерде бир-бирине байланышсыз, карама-каршы корутундуларга (солтолор башка кыргыздарга кабар бербей бейкут жатса, сарыбагыштар бириндеп урушуп, ушул себептен Эсенкул урушка катышпаган?) жол берилген. Б. Солтоноевдин тарыхында буга окшогон кемчиликтер көп жолугат, кайсыл тарыхчы болбосун пайдаланып жатканда, ага терең талдоо жүргүзүп, аны башка булактар менен салыштырууга тийиш. Мисалы, «…Ошол айтылган феодалдардын ичинде арка кыргызында атактуу зулуму Садыр болуп, аны Абылай өлтүргөн соң арка кыргызында биринчилик даражасын алган көбүнчө ушул Эсенкул болгонун»[31] окуганда, бир жагынан тирүү кезинде бийлик Садырда экенин[32] же Абылай өлтүргөнгө чейин Эсенкулдун сөзүн укпаган жалгыз Садыр болгон деген жоромол чыгат. Алымбековдун санжырасында болсо ал согуштун себептери так берилип, окуялар андан кененирээк көрсөтүлүп, ар кандай жоромол чыгарууга жол бербейт.

Эми Д. Сапаралиев кайра-кайра таянып жаткан Казыбек бектин кол жазмасына[33] кененирээк токтоло кетели. Эмне дегенде, казактын белгилүү окумуштуулары тарабынан бул кол жазма жөнүндө көптөгөн терс корутунду жана сындар жарыяланган. Мисалы, ал кездеги Казак Улуттук илимдер академиясынын Ч.Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнология институту 1993-ж. 18-ноябрда Казак өкмөт башчыларынын бири К. Султановго кайрылып, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Иран, Кытай, Түркмөнстан, Монголия, Башкортстандан окумуштууларды чакыртып, Казыбек бектин кол жазмасына эл аралык экспертиза жасоону сунуштаган. Бирок К. Султанов: «Маселени талашка салып, чуулдабайлы» – деп токтотуп салган. Ошондуктан биздин тарыхчы тарыхый булак катары пайдалана турган адабиятка адегенде баа берип, илимий шилтемени анан келтирсе болмок. Анткени ал китептин автору белгилүү максат менен көптөгөн атактуу адамдарды (мис., Чынгыз хан, Аксак Темир, Абылай ж. б.) Улуу жүздүн чапырашты уругуна (президент Н. Назарбаевдин уругу) киргизүүгө аракет жасап, натыйжада одоно каталарга жол берген. Мисалы, аны талдоого алган окумуштуунун бири: «Казыбек 1776-ж. эмес, 1723-ж. кайтыш болгон. Далил? Эң биринчи – Букар жырау. Букар бабабыз өз толгоолорунда калмак менен күрөшкөн баатырларды ырдап, …алардын ичинде Казыбек жок» – дейт[34]. Андан ары лингвистикалык талдоо жүргүзүп, Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин кабыл алынган «искусство» – «өнөр», «нервная система» – «жүйкө» «архитектура» – «саулет», мындан тышкары XVIII к. казактар колдонбогон «Киргизстан», «Казакстан» (орусчасы «киргизская степь») ж. б. сөздөрдүн кол жазмага кандайча кирип калганына таң калат.

Эң башкысы, ушул мезгилге арналган жыйнак-монография, макала болобу, 1993-ж. бери[35] казак тарыхчылары Шапырашты Казыбек бек Тауасарулынун мындай «баалуу» кол жазмасындагы маалыматтарга көңүл бурбай келатканына карабай, биздин тарыхчы андан баш тартпаганы кызык. Мисалы, Казыбек бектин кол жазмасынын 86-бетинде азыркы кыргыздагы «Саяк тукумунун …атасы казактардын Чапыраштысы экенин» анан, алар «өзүнүн казактын Арыс-Уйсун-Абыл тукумунан экенин айкын билип, бирок Алтай сыртындагы Кыргыздарга сиңип кеткенин, …хижранын 358-жылы Саяк тукуму тегиз кө чүп, Чүй, Талас боюна орношконун» жазса, 384-бетинде: «…Буга Чапыраштынын кичүү уулу Саяк тукумунун алардын (кыргыздын дегени) курамында болуп, …казакты чаап, тынчтык бербеген соң, Абилмансур (Абылай дегени) буга катуу кетет» – деп, анан: «Бул 1142-мечин жылы (григориан жыл санагы боюнча 1729–30-ж.ж.) болгон. Абылай бул жерден ашкан акылмандуулукту көрсөттү. Ал урушка Уйсундун колун атайы аралаштырбай, жеке баатырларды гана алып, согушту өзү жүргүздү. …Казак менен согушууга кыргызды көбүрөк үндөгөн Жайылханды сегиз уулу менен колго түшүрдү» – дейт. Мындан улам китептеги канча деген катага көңүл бурбаган биздин тарыхчы эмне себептен ушул, алды сызылган жалгыз сөздү гана кабыл алган деген суроо туулбай койбойт.

Тарыхчылар үчүн эң маанилүүсү ар бир маалыматтагы хронологиялык дата болуу керек эле. Изилденип, жарык көрө турган эмгектин баалуулугу ошого байланышат, даталары такталып, башкалар колдонбогон тарых илиминин кимге кереги бар? Мисалы, Казыбек бектин китеби деп аталган китептин 86-бетинде ушул кол жазманы хижранын 1154-ж. жаздым деп белгилейт, же китепти ким жазса да жөнөкөй жол менен 1776-жылдан хижранын 622-жылын алып койгон. Эгер, китеп чын эле хижранын 1154-ж. жазылса, бул жыл григориан жыл эсеби[36] боюнча 1741–1742-ж.ж. болмок[37]. Дагы бир мисал, 410-бетте Казыбек бек 1710-ж. – хижранын 1088-ж. десе, В. Бартольд бул жылды хижранын 1121-ж. деп көрсөткөн[38]. Демек, Казыбек бек «Жайылхандын» колго түшкөнүн эч көргөн да, «Түп-тукианнан өзиме шейин» деген китепти жазган да эмес.

Ал эми 21 жыл бою Казак Совет энциклопедиясында илимий редактор жана тарых, археология, этнография редакциясында башчы болуп иштеген, 300дөн ашык макаланын автору, Кожабекулы Байзак ушуга байланыштуу Казыбек бектин кээ жерден 2 кылымга жаңылышып жатканын жазып келип: «Же кол жазманы көчүргөн мырзалар өзүнчө будамайлап жибергенби?» деген суроо коюп, анан сыпайылык менен: «Ата-баба шежиресин жарыялаган кезде илимий түшүнүк менен, туура-катасын аныктап, такталбаган жерин кийинки урпактардын изилдөө сүнө калтырган жөн. Андай болбосо орустун «Калем менен жазганды балталап чаба албайсың дегени келет»[39] – дейт.

Кыргыз санжырачыларынын бири да (мис., Б. Солтоноев, Бала Айылчы, санжыра жыйноочулар Ы. Абдырахманов, М. Байгаринов ж. б.) Жайылдын хан болгонун айтпайт. Бул тууралуу тарыхчы Д. Сапаралиевдин өзү Россия Федерациясынын Оренбург областтык мамлекеттик архивинин 1-фондунун 1-тизмесиндеги 176 иш кагазында тиркелип турган 386-беттин артындагы Абылай хандын Оренбург губернатору И. А. Рейнсдорпко жазган катындагы: «Чу, Талас дарияларынын жанында көп эмес отурукташып жашашкан кыргыз эли жайгашкан… Бул кыргыз элинин башчысы Садыр бий» деген кошумча маалымат катары берип бирок: «Бул жерде Абылайдын кыргыз эл башчысын хан дебегени бизге түшүнүктүү. Анткени биринчиден, «Жайыл кыргынынан» кийин ал кыргыздарды баш ийдирдим жана алардын жетекчисин (ханын) жок кылдым деген маанайда болгон»[40] – дейт. Бирок Абылайдын бул каты аркылуу тескерисинче Чүй, Талас жактагы азыраак кыргыздар гана Садырды «бий» деп таанышканын жана ал өзүн өзү хан атаган деген Т.Алымбековдун кол жазмасы чындыкка жакын экени көрүнүп турат[41].

С. Аттокуровдун ошол эле китебиндеги далилсиз фактыларга  таянган  дагы бир тарыхчы Н. Тунтеев ал жер деги маалыматтарды башка нускалар менен салыштырбай: «…Садыр терпеть не мог Эсенгула и на последнем Курултае они чуть не схватились друг с другом. Жайыл успел встать между ними. Садыр сказал: «Ты и твои предки бежали от калмаков даже бросив тебя, а на перевале Куакы погиб мой отец Арзымат в сражении с Лама Доржи» – дейт[42]. Бирок, биринчиден, С. Аттокуровдун китебинин эч бир жеринде Садырдын атасы Арзыматтын калмактар менен кармашканы айтылган эмес. Калмактар менен согушкан Садырдын аталары Түнкатар, Түнтөйлөр жөнүндө гана айтылат же: «…Ошол чырда Садыр Эсенкулга тигиле карап «жоо келгенде качкан, жоо кеткенде бийликти тапкан сенин тукумуң. Куакынын белинде Доржи Ламанын колунан өлгөн менин атам. Тегиңдин баары бий, тегимдин баары найзакер букара, анын несин сүрүштүрөсүң?» – деп[43] сабатсыз адамдардын оюна келбеген сөздөр жазылган. Ошондуктан бул эки тарыхчыга анын «Эсенгулга тигиле карап» мындай сөздөрдү айтып жатканда, жанында кимдин күбө болуп, жазып калганын атап коюш гана жетишпей калган.

Экинчиден, Садыр Эсенкулду ошончо жек көрсө, анда өлөрүндө өзү менен бирге туткунга түшкөн жолдошторуна:

«Ылаачын арым, кыргый көз, Болот бийдин Эсенкул.

Айта көргүлө кебимди,

Ала көрсүн кегимди»[44] –(башка варианттары дагы бар) деп айтмак беле деген суроо туулат. «…Бул учурда, Жети-Суудагы кыргыздарды, сарбагыш уруусундагы Маматкулдун уулу Болоттон туулган Эсенкул билип турган. Аны Чоң баатыр деп коюшканын» башка бир санжыра изилдөөчү[45] белгилейт.

Аттокуровдо да, Сапаралиевде да оозеки элдик фольклорду башка тарыхый фактылар менен салыштыруу принциби сакталган эмес. Мисалы, С. Аттокуров: «…дал ошо Атаке (жырык) 1785-ж. Орусиянын падышасына бийлердин атынан кыргыздарды букаралыкка кабыл алуусун сураган элчилерди жиберген. Анда Абылайдын өлгөнүнө 15 жыл болгон (демек, тарыхчыга таянсак Абылай 1770-ж. өлгөн болуп чыгат). Муну биз тарыхый факт катары, Атаке Абылайдын акыркы жүрүшүндө курман болгон деген версияга каршы келтирип отурабыз»[46] – дейт. Бул жерде бардык комментарий ашыкча. Атаке бийдин каттарынын биринде да кыргыздарды букаралыкка алууга суранган сөзү жок. Ал эми Абылайдын өлгөнү 1770-ж. болушу эч мүмкүн эмес, анткени ал кийинки 1771-ж. хандыкка көтөрүлүп, 1779-жылдары кыргыздарга чабуул кылууга үлгүргөн[47].

Булардан тышкары аталган эмгекте: «Жумгал деген жунгар дегенден калган уламыш бар» – деп[48] эскертилет. Тарыхый фактылар боюнча (мис., автор колдонгон И.Я.Златкинде); «Жуңгар хандыгы» XVII к. орто ченинде Эрдене баатыр коңтаажы менен анын уулу Сенгенин тушунда аталса, «Жумгал» деген аталууну алардан бир кылым мурун, XVI к. жашап, бирок «Жуңгар» деген сөздү колдонбогон Мухаммед Хайдар Дулаттын өзү белгилеген[49].

Ал эми Д. Сапаралиев 1991-ж. чыккан «Кыргыз айылы» журналынын № 12 санындагы элдик фолькорго таянуу менен: «…Ал эми Каманбай баатырдын 1774-жылкы «Жайыл кыргынын» эң көрүнүктүү каарманы болгону белгилүү» – дейт[50]. Бирок анда Каманбай Атаке баатырды өлтүрсө, Абылай анын уулу Садырды өлтүргөн окуялар айтылат. Тарыхта Атаке баатыр Каманбайдын колунан өлгөн эмес же анын Садыр аттуу баласы да жок. Ошондуктан тарыхчы колдонгон ошол эле журналдын 20-бетинде: «…Дастанчы Абылай хандын Таластын каны эр Садырды чапканын чала угуп калып, кошуп жибериши да ыктымал» жана «…Каманбай, демек, Абылайдан 12 жыл мурда, 1769-жылы көз жумганы» эскертилген. Сапаралиев ал жерлерге көңүл бурган эмес. Мындан улам авторлор макала (эмгегин) кандай максатта пайдаланбасын, ал маселеге тиешелүү бардык маалыматка токтолуп, түшүндүрмө берүүгө тийиш деген жобо чыгат. Мисалы, Казак Республикасынын Ч. Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнология институту менен А. Х. Маргулан атындагы археология институту тарабынан чыккан 5 томдук «Казакстан тарыхынында» көрсөтүлгөн «Каракерей Кабанбай (Ерасыл) Кожогул уулу (1691–1769 гг.)» – деп[51], кандайча ката жазылганын түшүндүрүүгө тийиш болчу.

Эң башкысы, С. Аттокуров менен Д. Сапаралиев өз эмгегинде Алымбековдун санжырасын пайдаланып, бирок адегенде эле Садырдын иниси Сейиттин элин бөлүп, Кетмен-Төбөдө калып, Абылайдын чапкынынан кийин ал артына бир кайрылбай бастырып кеткенин жана бул согушка Эсенкул менен бирге Түлкү уулу Качыкенин да катышпай калышына баа беришпейт. Башка тарыхчылар сыпайычылык үчүн Сейит жөнүндө терс маанайдагы бир дагы макала чыгарбаганын эскерте кетели.

С. Аттокуров андан ары: «Жайыл кыргыны 1770-ж. болбогону менен ошол жылы Абылай Таласка жүрүш жасаганы жана туткун алганы бышык» – деп, анан: «Абылай бул жылы чоң урушка аттана алмак эмес. Анткени ордодон алыс өтүүгө мүмкүн болбогон (?). Анын үстүнө Жалдуу Барак али тирүү болчу (?). Ал дагы хандык орунга талапкерлердин бири эле. Экинчиден Абылай султандык даражада эле, ошол себептүү казактардын кыргыздарды талкалап берүү суроосу менен кайрылышына себеп жоктой. Үчүнчүдөн, Жалдуу Барактын талкаланышы казактардын Илеге чейин сүрүлүшү Абылайга ошол экинчи согушту баштоого мүмкүндүк бербеген (? суроолорду биз койдук)» – деп[52], түшүнүксүз тыянак чыгарып же Ч. Валихановдун Барак султан жөнүндөгү кабарын бекемдебей, же жокко чыгара турган башка далил келтирбей, бүдөмүктөтүп тим болгон. Тарых ушинтип «болбой калмак», «сыяктанат», «себеп жоктой» деген этиштин ниет ыңгайы менен жыйынтыкталып калды. Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр акырындап салтка айланып бара жатат.

Эмгектин 87-бетинде автор: «…Абылайдын жактыруусу менен хан Турсундун уулу Жалдуу Баракты кыргыздарга каршы тукурат. Тек окуя муну менен бүтпөстөн барган сайын масштабы кеңейип, чыр-чатактар ырбагандан ырбаганын», «Көкжал Барактын» Кастектин белин ашып, Чүйгө түшүп, анан кыргыздар Кочкорго чегинип келгенин жана: «…чабышта Байпак, Арзы, Куржу, Жабек, Чекилдек баатырлар өлөт. Кескен-Таш (Куулаган Ак-Таш) деген жерде Барак колго түшүп өлтүрүлөт. Качкандарды Чүйгө, Илеге чейин куушканын» көрсөтүп жатып, бирде Барак, же Жалдуу Барак, же Көкжал Барак деп бергенин көрөбүз. Кеп эки же үч Барак жөнүндө болуп жаткандай туюлат, бирок 98-бетте; «Көкжал Барак өлсө Орто жүз менен Улуу жүздө ал өңдөнгөн өзүлөрүн казак аташкан Саян хандын (Батый – Т.Э.) тукумдары четтен чыгат» деген жерден сөздүн бир эле Барак (султандардын тукумунан чыккан) жөнүндө болуп жатканы белгилүү болот. Демек, тарыхчынын китебинде пайдаланылган адабияттар толук окулган эмес. Болбосо, автор өзү көрсөткөн Ч. Валихановдо ушул Турсундун уулу Барактын «…знаменитый в Средней-орде султан Барак (Умер в 1749г.)»[53] – деп эскертилгенин көрмөк (эскертүү: Барак султан 1750-ж. өлгөн).

Ушуга окшогон фактылар толук пайдаланылса «Жайыл кыргыны» 1750-ж. (Барак султан өлгөн жыл) же Кочкор өрөөнүндө болбогону аныкталмак.

Чынында Орто Азиядан чыккан алгачкы тарыхчылар Ч. Валиханов менен Б. Солтоноев бул эки элдин ортосундагы мамилелердин бузулушунун башкы себептеринин бири Барак султан экенин көрсөтүшөт. Жалгыз айырмасы – Б.Солтоноев «Жалдуу Барак, көкжал Барак, сан Барак» десе, Ч. Валиханов «жеңилбес султан Барак» деп туруп, кашаанын ичине «көкжал» деп көрсөтөт[54]. Экөөндө тең теги султан Барак жөнүндө сөз болуп жатат. Анын үстүнө, бул мезгилдеги казак ичиндеги султандардын тукумунда башка Барак жок. Б. Солтоноев: «…Кыргызды букара кылып көнүп алган казак, кыргыздын Анжиян, Алайдан келип жерине орношкондо казакка көрсөткөн кордугуна чыдай албай 1970–71-ж.ж. казактан жогоруда айтылган көк жал Барак келип кыргыз менен согушкан» – дейт[55]. Биздин оюбузча, бул маалыматты тарыхчы Ч. Валихановдон алган. Анткени кайсыл гана Барак болбосун 1770-ж. (б. а., 1751-жылдан 1780-жылга чейин) кыргыздарга чабуул жасаганын бир дагы тарыхый дарек же кол жазма маалыматы эскербейт. Болгону Ч. Валиханов гана белгилеп кеткен. Бирок анда жылы көрсөтүлбөй, «найман уругунан султан Барак (көк жал) тоолук жапайы кыргыздарга кол салганы», ошондуктан Абылайдын «аргын, найман, уйсундардан күчтүү кол жыйнап, Барактын кунун кууп, Талас суусунун кечүүсүн кечип, Аксуунун Чүйгө куйган жеринен кыргыздын оң-солу менен беттешкени», эстен чыккыс бул чабуулдун 1770-ж. болгону жана Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу бул чаб уул «Жайыл кыргыны» болуп аталып калганы белгиленген[56]. Ш. Кудайберди уулу боюнча: «…Касымдын баласы Шыгай. Андан Тобокел менен Ондан. Ушул Ондандан Кайнаркичик. Анын баласы Бөкөй. Бөкөйдөн Кудайменде. Андан Турсун. Андан кичи Барак. Кырк сан Барак хан деген, Абылайдан соңку хан болгон»[57] (эскертүү: Абылайдан кийин хан болгон деп жаңылып жатат).

Барак султандын минтип, бирде «көкжал», бирде «көкжарлы» болуп жүрүшүнө казак тарыхында айтылып келген шежирелерде көптөгөн (баш-аягы 13кө жакын) Барактын болушу себеп болгон. Анын бири наймандан чыккан Барак баатыр, ал султан Барак менен замандаш жашаган.

Орто жүздөгү наймандар Сопумырзадан тарап, Сопумырзадан Сарыжоомарт. Бир кезде ушул Сарыжоомартка энеси менен бир кыз келип, туруп калат. Жандарында бир кулу бар экен. Кийин Сарыжоомарт өзү ошол кызга үйлөнүп, ал эми ээрчип келген кулга да бир кыз таап, алып берет. Ошол кулдан тараган тукум кийин «көкжарлы» деп аталат[58]. Казакча «жарды, кедей» деген мааниде, султандардын тукумуна тиешеси жок. Ушул уруктан Чүрөк (казакча Шүрек) уулу Барак баатыр деген чыгып, Каманбай баштаган казактардын колунун оң канатын жетектеп, Тарбагатайдагы калмакка кол салып турган. Натыйжада, Ч. Валихановдун так эмес маалыматына таянган кээ бир бир тарыхчылар ушул Барак кыргыздарга келген деп, аны 69 жашында, Абылай хандын кыргыздарга жасаган «Жайыл кыргынында» каза болгон деген тыянакка келишкен[59].

Бирок бул «көржарлы» Барактын 5000 кол жыйнап, качандыр бир жылы Чүй – Талас, тагыраак айтканда, Олуя-Ата (азыркы Тараз) тарапка келиши же мунун жеңилбестиги жөнүндө тарыхый дарек азырынча жарыя боло элек. Болжол менен оозеки гана аңгемелерде айтылат. Мисалы, кыргыздарга кол салган Абылмамбет хандын уулу Абылпеиз султан да мынча кол жыйнай албаган. Ал эмес Абылай хан да 12 миң кол жыйноо үчүн Орус, Кытай империяларынан жардам сурап, он жылдан ашуун убактысын коротот. Буларды архив материалдары менен тактоого болот. Кыскартып айтсак, биз кеп кылып жаткан заманда 5000 кол чогултуу – Абылмамбет ханды эсепке албаганда – Барак султандын гана колунан келген. Ошол учурда жашап, кээ бир окуялардын жаралышына түздөн-түз тиешеси бар И. Неплюевдин Тышкы иштер коллегиясына жиберген көрсөтмөсү: «…Барак-султан Орто жүздөгү баарынан күчтүү (наисильнейший) жана көп сандуу Найман уруусун башкарып (владелец), негизинен Сибирь тарапта (Оренбург крайынын чыгышы – Т. Э.), Орто жүз менен жүргөнүнө» күбө болот[60].

Мындай материалдар бар экенин билбеген Б. Солтоноев өз алдынча: «…Найман казагынан …Көкжал Барактын Чүй менен Иленин ортосундагы Коңурдун жонунан сапырылып», кыргыздар «Бөрүбайдын тоосунан» (биздин оюбузча, араб тамгасынан которгон котормочу Боролдойду «Бөрүбай» деп алган) качканын жазган[61]. Анткени көңүлгө ала турган эң башкы маселе – Барактын (кайсынысы гана болбосун) кыргыздарга кол салган окуясы тууралуу санжыралар сөзсүз «Боролдой», «Кочкор-Ата» деген географиялык аталыштар менен бекем байланышкан. Биз Кыргызстанда «Боролдой тоосу» аттуу тоонун жок экенин билүүгө тийишпиз. Боролдой деген айыл гана бар[62]. Ал айылдын чыгышындагы тоолор Коңурдун бели (Коңур Өлөң) деп айтылат.

Казак изилдөөчүлөрү да: «…көкжарлы Барак көбүнө Абилкайыр ханды өлтүргөн султан Барак менен чаташтырылат. Чокан Валихановдун чыгармаларына берилген түшүнүктөрдө да бир нече Барактын башы бир ооз сөзгө сыйып кеткен» – деп түшүндүрүшөт[63]. Бул абдан маанилүү, анткени Ч. Валиханов кыргыздарга кол салган Баракты султан деп көрсөткөн. Жазма маалыматтарга таянсак султан Барактын 1770–71-ж.ж. эмес[64], 1750-ж. май айына чейин гана кол салганын далилдөөгө болот. Анткени Барак султан 1750-ж. жаз айларында Түркстан шаарынан анча алыс эмес, Карнакта (азыркы Атабай шаары) өлгөн[65]. Алымбектин санжырасында «көкжарлы» деп аталганы менен кайра «хан», «төрө» делет. Адат боюнча султан тукумундагылар гана хан же төрө наамына татыктуу. Бул фактылар Барак султандын 1750-ж. май айынан кийин кыргыздарга кол салышы мүмкүн болбостугун көрсөтөт.

Кыргыз санжыраларында сөз – азыркы Казак Республикасына караштуу Чымкент шаары менен Кара-тоонун ортосунан орун алган Бөкөй-Тоонун түндүгүндө жайгашкан Боролдой кырка тоолору жөнүндө жүргөн. Ал жерде Боролдой деген суу агып, анын оң жак куймасы КочкорАта деп аталат. Казакча Кошкарата. Ал мазар бүгүнкү күнгө чейин сакталган[66]. Албетте, мындай абал кыргыз-казак тарыхын изилдеген изилдөөчүлөрдүн чаташууларына таасир тийгизген.

Эми, биз сөз кылып баштаган Барак султандын кыргыздарга кол салышы жөнүндө да түз фактылар жок экенин эскертели. Көбү кыйыр. Ошондой болсо да кыйыр фактылар Барак султандын кыргыздарга качан келгенин жана анын кол салышына эмне себеп болгонун аныктоого жардам берет.

Кыргыз менен казак мамилелеринин бузулушунун башкы себебине – бир кездеги Борбордук Азиядагы эң күчтүү деп эсептелген хандыктардын бири – Жуңгар хандыгынын саясий жана ич ара экономикалык жактан алсырай башташы болгон. Натыйжада, бир жагынан Кокон хандыгы менен кыргыз-казактардын, өзгөчө Цин империясынын кысымынан улам алар чыгышка сүрүлө баштаганда, мурунку алсыз, аз сандуу уруулар бош калган конуштарга ээ боло калуу аракетине өтүшкөн. Казак султандары болсо ушундай шарттан пайдаланып, өзүнүн жеке бийлигин күчтөндүрүүгө умтулса, экинчи жагынан, Жуңгар хандыгынын баскынчы саясатынан кийин көп элдер өздөрүнүн жеке керт башын эркиндикке чыгарууну көздөшкөн. Мунун тарыхый себептери тарыхчы Б. Солтоноевге караганда Алымбековдун санжырасында кененирээк көрсөтүлөт.

Ушул учурлардагы Борбордук Азиядагы саясий абалга Барак султандын тийгизген таасири өзгөчө күчтүү болуп, XVIII к. орто чениндеги бул чөйрөдөгү көптөгөн маанилүү маселелерге чечкиндүү түрдө катышкан. Ошого жараша султан Барак өзүнүн кылган иштери аркылуу кийин «көкжал» болуп калышына да негиздүү далилдер бар. Анын мындай мүнөзүн мурунку маалыматтар аркылуу хронологиялык түрдө калыбына келтирүүгө болот. Биринчиден, айтылуу Карасакалга (Миндигул Жолоев) кошулуп алып, 1742-ж. калмактарга кол сала баштаса[67], 1743-ж. орус бийлигин кабыл алганы менен кайра орус падышасы тарабынан сыйга жиберилген кылыч берилбей калганда, губернатор И. Неплюев башындагы Оренбург чебин чаап алуу үчүн 4 миң кол даярдап, бул ишке Орто жүз ханы Абылмамбеттин өзү кийлигишүүгө аргасыз болот[68]. Ал эми 1744–45-ж. ошол кездеги Жунгар ханы Г.Цэрэн менен келишип, бир аз мурун өзү менен кошо, ошол эле ойротторго кол салып жүргөн Карасакалды кармап берүүгө убада берет.

Экинчиден, 1748-ж. Кичүү жүз ханы Абулхайрды өлтүргөн[69]. Анын себеби саясий жактан өзгөчө күч алып жана Казакстандын көчмөндөрүнө Кичүү жүз ханы Абулхайрдын (1710–48) кадыры күчөп бара жатканына байланыштуу болгон[70]. Ушуга окшогон ж. б. иштери көп. Кыргыз-казак элинде мындай адамдардын көбү «көкжал» деп сыпатталат.

Мындан тышкары, ошол эле 1748-ж. өзүнүн «сан» колдуу экенин «…коңурат кыргыз-кайсактарынын сан (б.а., он миң) кишиси Улуу Урматтуу Император айымдын бийлигин таанууга макул болуп, мени, Баракты хан шайлап, кабыл алмай болгонун» билдирет[71]. Б. Солтоноевден тышкары Ш. Кудайберди уулу да аны «Кырк сан Барак» экенин белгилеген[72].

Үчүнчүдөн, 1748-ж. сентябрь айында Бузулук чебинен жашыруун тапшырма менен келип, бир нече ай жүрүп, өзү менен баарлашкан М. Арапов деген тилмеч Барак султандын кол алдында төрт жарым миң колу болгонун, ага Төлө бийдин 500 колу кошулуп, султандын алдында бардыгы болуп накта, беш миң кол бар экенин уккан (бул документтерди да окубаган Б. Солтоноев дагы Көкжал Барактын 5 миң кол менен келгенин жазат[73]). Төлө бийдин өзү да Сузак, Икан, Сайрамдагы сарттар Баракты хан деп таанышарын жана алар Барак султанды Улуу жүзгө хан кылып алууну эп көрүп турганын Араповго эскертет. Андан тышкары Мойнок деген каракесек уруусунун бийи өз алдынча Араповго көрсөтмө берип, жакында казактардын «Туркестандан 6–7 күнчүлүк жердеги Чүй суусунун жээгине көчкөнү жатканын» кабарлаган[74]. Тилекке каршы, кийинки 1749-ж. сентябрь айынан баштап, 1750-ж. март айынын аралыгындагы Барак султандын кылган иштери бизге жеткен жок. Буга себеп, М. Арапов келип кеткенден кийин, ошол кездеги Оренбург губернатору И.Неплюевдин Барак султандан кол үзбөө демилгесине Кичүү жүзгө жаңыдан хан шайланган Абулхайрдын баласы Нуралы менен орус бийлигинин мамилесин начарлатып албоо үчүн падыша Елизавета Петровна тарабынан тыюу салынып[75], бардык байланыштар үзүлгөн.

Төртүнчүдөн, жогоруда көрсөтүлгөн документтер жана тарыхчы Б. Солтоноев менен тааныш болбогон Алымбековдун өз санжырасында: «…Жапек, Бердикожо, уйсун уругу жаныш Төлө бийге барат. Төлө бий экөөнү ээрчитип алып, жана Талас жактан да арыз болуп барган уйсундар бар экен, баарын кошуп алып, Абылайдын ордосу Азиреттин Каратоосунда экен, Төлө бий Абылайканга барат. Абылай: «Ушуну менен эки келдиңер, эми Төлө бийди алып келипсиңер» деп, баягы сөзүн, мурунку арыз кылып баруучуларга айткан сөзүн айтат экен. Жөн-жайын сурап туруп: «Айып – уйсун силерде!» – дейт Абылай хан. Төлө бий Абылайдын сөзүнө жыгылып кайтат. Төлө бий Чымкентте. Конушу али да Чымкентте (1742-ж. Төлө бийдин Ташкентке жакын жерде турганын орус архив маалыматтары да далилдейт[76]). «Уйсунду кошуп бер» – дейт Төлө бийди. Төлө бий: «Койгула» – деп айтат. Ага Жапек, Бердикожо – Абылай менен Төлөгө болбой – Орто жүз аргын төрөсү көкжарлы Барак ханга (биз сыздык) барат арыз болуп» – дейт[77]. Бул жерде «көкжарлы» менен «көкжал» алмашылып кеткен, анткени жогоруда көрсөтүлгөндөй Чыңгыз хандын тукуму гана хан, султан, же төрө болууга укуктуу болгон[78]. Башкача айтканда, «көкжарлы» («кедей», «томаяк») Барактын төрө, султан, хан болууга укугу болбогон. Анын үстүнө акыркы маалыматтар боюнча жаныш Төлө бий Алыбек уулу 1760-жылга чейин өлгөн[79]. Демек, жаныш Төлө бий 1760-жылдан кийин Абылайдан дагы, Барак султандан дагы жардам сурай алмак эмес.

Эң акырында, Барактын чабуулу болгон учурда ага түнкатар саяктан Арзыматтын уулу Садыр менен талкандан (солто) Жайылдын катышканы жөнүндө бир да санжырачы кабар бербейт. Эгер Барак кыргыздарга Чүй (азыркы Боролдой айылы) тараптан 1751–70-жылдары кол салса, анда Садыр менен Жайыл ал чабышка катышпай коё алмак эмес. Анткени кыргыздардын Чүйгө келиши, Садырдын атагы чыгып, анын Капкага көчүшү дагы дал ушул жылдарга туш келет. Мындан улам Барактын кыргыздарга жасаган чабуулу бул жылдардан мурун болгон деген тыянак чыгат.

Андан ары 1748-ж. октябрь айында Оренбург губерна тору И. Неплюев тышкы иштер Коллегиясына «…азыр Барак султан өзүнүн 3 миң түтүн эли менен Сарысууда экенин, жакында калмактарга кабарчы жиберип, аларга кыргыздардын (атайын белгиледик) кол салууга даярданып жатканын эскертип жана алардын кашкардан келе жаткан кербенин тоноп алганы үчүн Абылкайыр ханды өлтүргөнүн, ошондуктан калмактардан жардам сурап жатканын» маалымдаган[80]. Эскерте турган нерсе, ушул кез деги көп кабарларда казак, кыргыздар бирдей «кыргыз дар» (орусча «киргисцы») деп аталган учурлар кезигет. Эки элдин мындай аталып калышына Левшин кенен түшүндүрмө берген[81]. Ошондуктан, бул жердеги тилмечтин «кыргыздар кол салууга даярданып жатат» деген сөзүн казактар эмес, тоолук кыргыздардын Талас–Чүй тараптан кол салууга даярданып жатканы деп түшүнүү туура болот. Бул жөнүндө тарыхчы Б. Солтоноев ж. б. кыргыз санжырачылары көптөгөн кабар калтырышкан. Ал эми документалдуу фактылар боюнча бул мезгилде казактар калмактарга кол салууга аракет кылбайт. Мисалы, 1743-ж. калмактар Абылай башында турган бир нече казакты кайтарып берип[82], казак-жуңгарлардын тышкы саясатында «…азыр Галдан Чирин менен кайсактар арасында тынчтык орноп» калган[83]. Бул учурларда калмактарга кол салуу жалгыз Нуралы хандын колунан келмек. Бирок ал дагы калмактар менен жең ичинен сүйлөшүп5 баштаган. Мындай абал калмак ноёндору Дабачы менен Амурсандын Орто жүзгө качып келиши же 1752-ж. чейин созулат[84].

Ушундай далилдер же көрө албастыктан Абылкайыр ханды өлтүрүп, анын өлүмү менен эки ордо казак ичинде кадырынан ажыраган Барак султандын тоолук кыргыздарга кандай себептер менен кол салууга арга издеп жатканын (кадырын оңдоо үчүн кыргыздарды жуңгарларга баш ийдирүү керек) көрсөтөт.

Эң кызыгы, ушул учурларды (XVIII к.) кенен камтыган маалыматтарда[85] да Барак султандын 1770-ж. кыргыздарга кол салышы тууралуу айтылбайт. Бирок Абылай хандын кыргыздарга жасаган «Жайыл кыргыны» тууралуу маалыматка келгенде, алар жалгыз Ч. Валихановго гана таянышкан. Бул эмне дегендик? Мындай суроого бир гана жооп бар. Демек, Абылайдын 1770-ж. кыргыздарга жасаган чабуулу алар караган архив маалыматтарында жолуккан эмес, башкача айтканда, бул кабар Ч. Валихановдон башка эч жерде жок. Анын үстүнө «Кочкор-Атадан Илеге чейин кубалаган» деген сөзгө караганда, анын оозеки фольклордон кабыл алынганы көрүнүп турат. Бала Айылчынын санжырасында да кээ бир даталар эмнегедир он жыл мурун белгиленген[86], ошондуктан Ч. Валиханов экөөнүн маалыматы качандыр бир даректен алынып, бул экөөнү кайрадан тарыхчы Б. Солтоноев пайдаланган деп түшүнүүгө болот.

Башка маалыматтарга таянсак, орустар 1758–60-ж.ж. баштап, Абылайды өзүлөрүнүн геополитикалык саясатына пайдалануу үчүн, анын ар бир кыймылынан көз айырбоого аракет жасап, башкыр-татар Я. Усманов, С.Са лиев, Ж.Гуляев, казак-орус М. Арапов, мешер М.Маметов, казактардан Кулсары баатыр, Орус султан ж. б. атайы тыңчыларды коюп[87], ал жөнүндө маалыматты бардык жактан топтоп келишкен. Абылай да ар тараптан орус жана Цин бийлигин пайдаланып туруу үчүн өзү жасаган иштерди кооздоп, аларга жеткирип турган[88]. Ошондуктан 1770-ж. кыргыздарга жүрүш болсо, же аны өзү билдирмек, же, жок дегенде башка жол менен сөзсүз орус бийлигине жетмек.

Абылайдын кыргыздарга каршы чоң жүрүшү (б. а., «Жайыл кыргыны»), 1774–75-ж.ж. болгон деген пикирлер да бар (мис., Б. Солтоноев, С. Аттокуров, Д. Сапаралиев ж.б.). Бирок бул болжолду ырастаган маалымат али табыла элек, бир гана кытай хроникасында жолугат. Бирок ал жерде «баланча жылы болгон» деп, так айтылбагандыктан, Абылайдын кыргызга 1774–75-ж.ж. чоң чабуул жасаган деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Ант кени өзүнө жеткен  билдирүүлөргө ылайык императордун 1774-ж. 2-айда (же март айы) жарыяланган буйругунда кыргыздар казактарды чаап-талаганы, ал эми 5-айда (июнь) чыккан буйругунда кайра Абылай менен Абульфеиз баштаган казактар кол салып, миңден ашык кыргызды кырып, улуктарынын (старейшины) бир тобун туткунга алганы өткөн чактагы окуя катары эскерилет[89]. Башкача айтканда, ал жерде императордун буйрук чыгарган күнкү дата гана турат. Эмне дегенде, ал кабардын казак талаасы аркылуу адегенде Иледеги кытай постуна, андан борборго жетип, буйруктун ошондон кийин чыкканы эске алынышы керек. Тагыраак айтсак, ал окуя 1774-ж. январь айында болгон күнү да, азыркыдай телефон-телеграф болбогондуктан, император ал тууралуу буйругун март, июнь айларында чыгара алмак эмес. Буга мисал, Орус султан 1773-ж. 23-августта Деколонгго кат жазып, Адил султан баштаган элчилер өткөн мезгилде «Кытайга аттанып кеткенин» айтат[90]. Аларды император 1774-ж. 31-январда кабыл алган[91], б. а., жолдо алты айдан ашык жүрүшкөн. Бирок алардын келиши менен эле Абылайдын кыргызды чапкан окуя жөнүндө эскерилбейт. Анткени Орус султан ошол эле катында: «жакында (демек, июнь-июль айлары, бирок Адил султан Кытайга кеткенден кийин) Абылай 600 тоолук кыргызды туткунга алып, кайра дагы бир жүрүшкө даярданып жатканын» билдирген. Натыйжада, Абылай кыргыздарга 1773-ж. август айына чейин бир кол салып, август айында дагы бир жолу кол салууга даярданып жаткан. Мындан Абылай кыргызга Адил султан Кытайга кеткенден кийин кол салган деген жыйынтык чыгат. Демек, Адил султан атасынын кыргыздарга кол салганын билген да эмес. Анын үстүнө жогорудагы императордун март, июнь айындагы буйругунда ал кабарды айтып берген адамдар аны башка бирөөдөн угуп, анан Иледеги постко жеткиргени көрсөтүлгөн.

Ал эми 1774-ж. 15-июнда берген башкырт М. Замеевдин көрсөтмөсүндө Абылай «кырк миң адамы менен Звериноголов чебине жакын келип, аны камоого даярданып жатканын жана анын алдында дагы үч чепти кыйратып, ал жердеги адамдарды туткунга алган»[92]. Башка изилдөөчүлөр да 1774-ж. жаз айынан тарта Абылай Кылшакты өзөнүнүн жээгинде болуп, Россияда башталган Е.Пугачевдун көтөрүлүшүнө байланыштуу ага эки жолу кат жазганын көрсөтүшөт[93]. Бул маалыматтар «Жайыл кыргыны» атанган Абылайдын чабуулу 1774-ж. болгон деген жыйынтыкка каршы чыгат. Анын үстүнө Абылайдын (казактардын) кыргыздарга кол салышы тууралуу маалымат өтө көп, ошондуктан мындай метод (бир гана булакка таянуу) менен жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Мисалы, К. Казанбаев, У. Азлаевдин, 766-ж. 31-августтагы билдирүүсүндө уулдары менен Улуу жүз ичинде болуп, кыргыз бийи Каработо ага өз уулун жана мал-жанына кошуп, 7 түтүн кишисин аманатка бергенде, Абылай колго түшкөндөрдү кайра кайтарган[94]. 1766-ж. Петропавловскиге келген Кулсары баатырдын билдирүүсү боюнча Абылай султан 6 кишиси менен Төлө бийдин уулу Байтик баатырды Кытайга жиберип, Ирдана (Эрдене) бекке каршы жүрүшкө жардам сурап, бирок аны ала албаган[95]. Казактар Б. Тураев менен С. Мамбетовдун билдирүүсүндө 1767-ж. Абылай жардам алуу үчүн тууганы Кирейди кайрадан Кытайга жиберип, өзү Коконго аттанып, бирок Ташкен ш. тургундары жана анын тегерегиндеги эл Абылайдын бийлигин урушсуз таанып, салык төлөп турууга макул болгондо, урушпай калган. Ушул учурда Абылай Ташкентке убактылуу ээ болот[96]. 1767-ж. күздө Абылай жардамга аскер жана курал суратып Кытай богдыханына кайрадан султан Давлеткерейди аткарат. Эми кытай императору эгер Абылай уулдарынын бирин аманатка жиберсе жардам берүүгө макулдугун берет[97].

1768-ж. жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар кыргызга кол салган. Натыйжада, булардын экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай 1768-ж. күзүндө уулу Валини аманат кылып, Пекинге дагы элчи жиберет, бирок Цин өкмөтү Абылай кишилерин аманатка атак-даңк алууну гана көздөп жиберип жатканын эскертип, жардам бермек түгүл Валини шылдың кылып, кайра артка жөнөткөн[98]. 1769-ж. Оренбург губернатору И.А.Рейнсдорпко кат жазып: «Сырткы жоодон (Кытай деп окуй бериңиз) коргонуу үчүн оң миң, жакындагы душманга (кыргыз) каршы миңге чейин жана ич арага (казак уруулары) 500 аскер» сурап[99], мындай өтүнүчүн 1772-ж.[100], 1776-ж. дагы кайталаган. Абылайдын минтип кайра-кайра орус бийлигинен жардам сурап жаткан максатын өз өкмөтүнө түшүндүргөн тилмеч Я. Усманов жашыруун: «Башка эмес, кыргыздарга каршы, кыргыздар туткунга алып кетишкен түркстандыктарды куткарып, аларды, кыргыздарды багындыруу» экенин билдирген[101]. Бирок Абылай орустардан жардам ала албай, кытайлыктарга кайрадан элчи аткара баштап, алардан да терс жооп алган. Анын биринде (1777-ж. февраль) Кытай императору Ташкентти басып алуу үчүн анын көптөн бери кытайлыктардан жардам сурап жүргөнүн эскертип: «тагыраак айтканда, ал жерди каратып алууга күчүң жетпегендиктен, бизден жардам алгың келип жатат. Эс-дартыңыздын баары Ташкентти алуу, бирок ташкенттиктер дагы менин карамагымда, силердин пайда үчүн аларды чапсам кандай болот?» – деген жооп катын жиберет[102].

Абылайдын чоң чабуулу кайсы жылы болгону жөнүндөгү тагыраак маалыматты адегенде А. Левшин берген. Анда, Абылай кыргыздарга чоң чабуулу (сильное поражение) ал өлөөрдүн алдында болгон2. Ал эми Я. Усмановдун билдирүүсү боюнча: «…чектен чыккан кыргыздарга каршы орус бийлигинен бир нече жолу жардам сурап, бирок эч натыйжа чыкпагандыктан, кыргыздарды чаап алуу үчүн өз балдарын, бийлерди жана казактын билермандарын чогултуп кеңеш жасап, 1779-ж. көп сан кол жыйнап (алардын жалпы санын 12 миң дешет) аттанат»[103][104]. 1779-ж. октябрь айындагы маалыматка караганда, Абылай Түркстан менен жапайы кыргыздардын ортосуна көчүп келип, баласы Чынгыз султан жана жакын тууганы Абулфейиз султанды же кыргыздар менен келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн аттандырат. Бирок алардын жолу болбой келген. Натыйжада, Абылай өзү көп сандагы колу менен барып, кыргыздарды капысынан басып (делал сильное нечаянное на киргизов наступление), атактуу бийлеринин балдарын 15 үй-бүлөсү менен колго түшүрүп (Алымбековдун санжырасында Жайыл жана Садыр балдары менен), бешөөсүн өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. «Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин башкы себептерин» орус бийлигине талдап берип жаткан Я. Усманов, биринчиден, бул чабуулдун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү, экинчиден, Абылайдын кыргыздарды амал кылып, орус жана цин империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мис., Абылай өз колундагы аскер качкыны Яков дегенди согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жеткенин көргөзөт[105].

Анын өлгөн жылын да оңой тактоого болот. Абылай 1780-жылдын күзүндө катуу оорунун айынан көз жумган[106]. Уулу Валинин 1781-ж. 23 майында Сибирь корпусунун генерал-майору Н. Г. Огаревго жеткирген катында да, атасы Абылайдын 69 жашында, жүрүштөн ооруп өлгөнүн кабарлайт[107]. Абылай 1711-ж. туулса[108], демек, ал 1780-ж. өлгөн жана кыргыздарга жүрүштү өлөрдүн алдында уюштурган. Бул окуялар кыргыз оозеки тарыхы аркылуу да бекемделет (мис., ошол эле Б. Солтоноев жана Алымбектен башка К. Эсенбаев, манасчы Шапактын уулу Ысактын маалыматы боюнча Жайыл менен Садыр Абылайдын акыркы чабуулунда колго түшүп, курман болгон).

Жыйынтыктап айтсак, бардык документалдуу маалыматтарда (өз небереси Ч. Валихановду эсепке албаганда), Абылайдын 1770–78-ж.ж. анча көп кол менен кыргызга капысынан кол салганы тууралуу кабар жок. Бирок Валиханов көрсөткөн Абылай султандын кыргыздардын колуна түшкөнү тууралуу кабар официалдуу маалымат менен да бекемделет. Бул тууралуу 1765-ж. 2-ноябрда Орто жүзгө жасаган сапарынан кайтып келген старшина К. Казан баев: «…ал жеткенден 12 күн мурун Абылай султандын куралданып, негизинен көпчүлүгү кытайлыктардын карамагында турган (состоящих по большей части под китайским владением) кадимки кыргыздардан (киргис-кайсак эмес) мурун улусун (казактардын) талап, жылкыларын айдап кеткени жана өзүнүн колго түшүп калган кордугунан  өч алуу үчүн аттанганын»[109] билдирген. Демек, Абылай султан Иле дарыясынын жээгинде, 1765-ж. июнь-августта кыргыздардын колуна түшкөн. Бирок Алымбектин санжырасында Абылайдын кыргыздын колуна түшүшү айтылбайт, демек, Түлөберди (же солтолор) бул окуяларга катышкан эмес, анткени Алымбек өзү айт кан сөздөрдүн көбүн Түлөбердиден укканын бир нече жолу эскертет.

Ал эми тарыхчы Б. Солтоноевдеги – Абылайдын Көтмалды, Чолпон-Ата, Соң-Көлгө, же Ч. Валихановдогу Кичи-Кеминге чейин жеткени жөнүндөгү маалыматтарды чындык деп кароо мүмкүн эмес. Анткени эмне себептен экени түшүнүксүз, Б. Солтоноевдин эмгегинин кээ бир жерлеринде стилистикалык каталарга жол берилип кеткен. Мисалы, Абылайдын ошол эле Чолпон-Атага жасаган жүрүшүндөгү: «Абылай Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Атанын жээгинде, быткылында чеп жасап, мал башы менен бекинип жаткан. Мундуз кыргызы таталай уругунун баштыгы Тыныбек менен согушуп, төрт күндөн соң казактар жапырып кирип чебин талкалап, 150 түтүн кишинин көбүн кырган»[110] деген сөздөргө түшүнүү кыйын (анын мааниси боюнча казактар өздөрү жасаган чепти өздөрү талкалап жатат жана Тыныбектин кайсы жактан чыга калганы түшүнүксүз бойдон калган, же ортодогу чекит артыкбаш). Ушуга окшогон жаңылыштыктар кийин такыр башка жыйынтык чыгарууга түрткү болушу ажеп эмес. Башка кабарларда бул окуялар башкача берилет. Мисалы, белгилүү изилдөөчү Ы. Абдырахманов Абылайдын көп колу Ысык-Көлдүн баш жагы менен келип, күнгөйдөгү кушчу уругунан Тыныбек дегендин 400 кишисин тамам кылып өлтүрүп, Тыныбектин кызы Канышбекти баш кылып бир тобун олжолоп кеткенин жана ошол жер азыркыга чейин Тыныбектин быткылы болуп аталып калганын эскертет[111]. Кебетеси, оозеки тарыхта айтылган бир окуя көбүнчө аты уйкаш адамдар аркылуу дагы башка аймактарга ооп, географиялык жаңылыштыктар ошондон улам келип чыкса керек. Буга ошол эле Шапак уулу Ысактын: «Аты окшошторго кээ окуялар ээрчип, мисалы, кыргыздарда бир эле «жинди» Кубат болсо, кийин Кубат аттуулардын баары «жинди» атыгып кеткен» деп эскерткенин көрсөтүүгө болот. Дагы бир далил, Таластагы Үрмарал айылынын тургуну, санжырачы Сооронкулов С. «Тыныбектин быткылы» деп аталган жер эчактан бери азыркы Казак Республикасынын Мерке ооданындагы Каракыштак, Корготу (кээ нускада Карагатты болуп калышы мүмкүн) сууларына жакын турарын айтат. Ошондуктан, жогорудагы келтирилген каталар сыякт уу Б. Солтоноевдеги Тыныбектин кызы Канышбектин: «…Корголоттуң быткылга, Кордук кылдың кудай ай»[112] – деп, ыйлап айтканы башында:…Корготтунун быткылда

Кордук кылдың кудай ай деген сөздөрдүн бузулуп кетиши же кол жазмадагы котормодон (Б. Солтоноев арабча арип менен жазган) кеткен ката болушу мүмкүн экенин эске алуу керек. Анткени бул кабарларды Алымбектин маалыматына салыштырсак, анда Абылайдын акыркы чабуулуна тийиштүү окуялар Корготуда өткөн. Олуя-Ата, Мерке, Ашмара, Каракыштак, Курагатты, Чөңөрдүн суулары ошол Корготуга куят. Натыйжада, Абылайдын кыргыздарга жасаган акыркы чабуулуна тийиштүү көптөгөн фактылар бизди ушул жактарга алып келет жана далилдердин басымдуу бөлүгү да ушул Алымбектен калган кабарлардын чындыкка жакындыгын айгинелейт.

Башкалардан айырмасы илимдин кургак сөзүн пайдаланбай, жөнөкөй, карапайым сөздөр менен чектелген. Артыкчылыгы болсо, чабуулдун себептери, анын негизги багыты жана кыргыздардын жеңилиши эмне үчүн болгонун иреттүү бергендигинде. Мисалы, Момокон менен Садырдын Кошогонун Көкжотосуна аттанып барган жатканда, Түлөберди «коюңуздар» деп: «Эсенкул, Качыке, Кебек – ошолорго кабар берели» – десе, Момокон: «Ээ, сен Абылай сартка барып коркуп калган турбайсыңбы, сен барбай эле кой» – деп тилдеп, сүйлөнүп кетет. Ал эми Жоогач келгенде да агасы Момоконго: «Сиз ушуну убада кылыңыз? Садыр убада кылса качырып жиберели? Жогорку Чоң баатырды, Кебекти, Качыкени алдыралы?»– десе, Момокон: «Сен коркпо. Кудай алсын Сарткулду. Бир иним Чоң баатыр, ошол жакы кыргызды бүт алып келсин» – дейт. Ошентип, Абылай акыркы чабуулунда түн катып кол салганы жана колду үчкө бөлүп келгени, кыргыздардын бейкапар жатканы, Таластан жардамга келе жаткан кыргыздар казактарды өзүбүз деп кабылып калып кырылганы, Садырдын иниси Сейит менен Эсенкул баатыр келгиче уруш эчак аяктап, Садырдын Жоргонун белинен, Жайыл, Үсөн, Текенин Корготу суусунун жээгинде колго түшүп өлтүрүлгөнү, абалдын мурункудан курч экенине карабай, ушул чабуулдан кийин аны жеңилдетүү үчүн өз эрки үчүн «каарына казан куйкаланган» Абылайга Түлөберди жалгыз келип, жүйөлүү кеби менен кепке жыгып, кыргыз-казакты элдештирип, чек ара такташуудагы эмгеги далилдүү берилген. Мындай маалыматтар, б. а., бирөөлөр ошол замандагы оор абалды ого бетер күчөтүп жатса, берки туугандарынан канча жаш болгонуна карабай: «Таланган солто, Садыр дебегиле…» – деп, Түлөбердинин өз уруусун гана эмес, бүт кыргыз элинин келечегинин камын көрүп, намыс кылып, жалгыз өзү казактар менен чек бөлүшүп кайтышы жогоруда көрсөтүлгөн тарыхчылардын илимий изилдөөлөрүнөн сыртта калышынан, тилекке каршы, тарых илими гана утуларын унутууга болбойт. Анткени бирөөлөрдүн эрдигин мактоодо экинчилеринин тарыхтагы ордун көз жаздымда калтырса, анда белгилүү коомдук ишмер К. Исаев эскерткендей, тарых жазууга тарыхчылар эмес, публицист, химик, врач, математик, курулушчу, ал түгүл трактористтер киришет. Демек, тарыхтын бурмаланышына тарыхчылар биринчи түрткү берсе, мындай тарыхтын пайдасы кимге деген суроо аргасыз туулат.

Акырында, тарыхты изилдөөдөгү жогорудагыдай кемчиликтерден арылуу үчүн ар дайым «…тарыхты изилдөөнүн башкы методологиясы бир кишинин көз карашын, ой-пикирин башкаларга таңуулоо эмес, анын чоң-кичине маселе экенине карабай, бир нечелеген тарыхый так фактыларды пайдаланып, окуучуларга сунуштоо болуп саналат. Өткөн күндөрдү идеализациялоо же кээ бир жерлерди аттап кетүү, аларга кайдигер мамиле кылуу – унутка калтыруунун эң төмөнкү формасы. Аларды идеализациялоо кандай гана жакшы ниет менен жасалбасын, ал акыл-эс, түшүнүктүн душманы болуп кала берет. …Тарых илими тарыхый процессти бардык тараптан тең чагылдырууга тийиш, болбосо бүт дүйнөлүк тарыхый көрүнүштөрдү толук түшүндүрүүгө мүмкүн болбойт»[113] деген критерийди эске алып, бардыгын камтысак, андай тарых менен бирин-эки гана адамдар эмес, бардыгыбыз сыймыктанат элек демекчибиз.

[1] Аттокуров С. Кыргыздар XVIII кылымда. – Б., 2003, 93-б.

[2] Казак фольклорунда казактардын колуна 88 жашында түшкөнү айтылат (кара: Торайгыров С. Окшау сєз. Жалаўаш баба (Курбан кажы аузынан). //Казак. 1916. 24-мамыр).

[3] Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы /КР УИА КЖФ. Инв.№ 116 (319).

[4] Кененирээк карасаңыз: //Аалам. 2006-ж. № 13 (715), 14 (716), 15 (717).

[5] Аттокуров С. Аталган эмгек. 25-26-б.

[6] 1745-ж. Галдан Цэрен өлгөндө анын ордуна Бичаган-Цеган-Аджа-Намджил деген ат менен ортончу (13 жашар) баласы Цэван Доржи отурат. Кийин ал тарыхта Ажа хан деген ат менен аталып калган. 1753-ж. кышында, аталаш тууганы Дабачы (Эрдене баатырдын Байтан деген уулунун тукуму) Олоң Доржуну мууздап өлтүрүп, Жунгарияга хан болду. (кара: Златкин И.Я. История Джунгарского ханства. – М., 1964;  Моисеев В.А. Джунгарское ханство и казахи. – А., 1991).

[7] Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции. – М., 1960. Т. I, Рис. 3.

[8] Кыргыздар. //Түзгөн К. Жусупов. – Б., 1991, 28–29-б.б.

[9] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начала XIX веков. АН КР отдел рукописей. Инв.№5187,  95, 115, 116-беттер.

[10] Супруненко Г. П. Материалы… 81-б. (Эскертүү: 2003-ж. Бишкекте жарык көргөн «Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана» аттуу 2 томдук китепте Г. П. Супруненконун котормолору басылып, бирок белгисиз себептер менен Болот бий жөнүндө ушул ж. б. маалыматтар сыртта калган. Ошондуктан бул жерде котормочунун өз нускасы колдонулду).

[11] Кушчу Каймазардан Токтокүчүк, Түлөберди, Кенже, Таба, Чекир, Майтык, Шүкүр. Майтыктан Бегаалы, Көдөк, Эшбото, Таты, Абышка, Момун (кара: КР УИА КЖБ Инв № 564).

[12] Супруненко Г. П. Материалы… 20–21, 25-б.

[13] Төлөбаев М., ж. б. Жайыл баатыр. – Б., 2006, 301-б.

[14] Аттокуров С. Аталган эмгек. 22-б.

[15] Сапаралиев Д. Кыргыз мамлекет башкаруучуларынын эў жогорку титулдары жөнүндө. (Б.з.ч. I кылымдан XIX ортосу мезгили. //Кыргызстан тарыхынын маселелери. – Б., 2006, №2.

[16] КРО. док. № 152. 392–395-б.б. 2 КРО. док. № 167. 432–433-б.б.

[17] Абдырахманов Ы. Кыргыздардын чыгышы. КР УИА КЖФ. Инв (329) 116.

[18] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 144-б.

[19] Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. – Б., 2001, 452–53-б.б.; Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции. М., 1960. Т. IV. 32-б.

[20] Абдырахманов Ы. Аталган кол жазма.

[21] Балыкооздун санжырасы. КР УИА Инв. №364. 10-иш.

[22] Сапаралиев Д. Аталган макала. 51–52-б.б.

[23] Жайыл баатыр: учур жана келечек. Эл аралык ил. практикалык конф. материалдары. – Б., 2006. 51-б.

[24] //Вечерный Бишкек, 2002. 15. 03.

[25] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. – Б., 2003, 291-б.

[26] Сапаралиев Д. Аталган макала. 54-б.

[27] Курбангали Халид. Тауарих Хамса (Бес тарих). – А., 1992, 102-б.

[28] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 85–86-б.б.

[29] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 86-б.

[30] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1.168–170-б.б.

[31] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 175-б.

[32] Жайыл баатыр: учур жана келечек… 58-б.

[33] Шапырашты Казыбек бек Тауасарулы. «Тїп-тукианнан єзиме шейин». – А., 1993.

[34] Жуасов К. Тарыхка жасалган кыянат же  «Түп-тукианнан өзиме шейин» китебиндеги жасалма менен жалгандык. //Орталык Казакстан. 24, 26-февраль, 1-март, 1994.

[35] Мис., История Казахстана с др. времен до наших дней в 5-и т. – А., 2000; Кушкумбаев А. К. Военное дело казахов XVII–XVIII вв. – А., 2001; Едилханова С.А. Казакско-джунгарские взаимоотношения в XVII–XVIII вв. (некоторые исторические аспекты проблемы). – А., 2005; Аныракайский треугольник: историко-географический ареал Великого сражения. – А., 2006; ж. б. бул кол жазмага шилтеме кылынбайт.

[36] Папа Григорий XIII тарабынан эски, юлиан календарынын ордуна 4. 10. 1582-ж. католик динине сыйынган өлкөлөр үчүн жаңы (григориан) жылы киргизилген. 4-октябрдын кийинки күнү 15-октябрь, жума болуп кабыл алынган. Ал календар боюнча бир жыл 365, 2425 суткага тете, б. а., толук эмес жыл 365, толук жыл 366 суткадан турган. Аны кабыл алуунун максаты Иса (Иисус) пайгамбардын туулган жылын аныктоо болгон.

Ал эми мусулман жылы 16. 7. 622-ж. башталып, айга карап эсептелет жана бир жыл 354 күнгө тете б. а. анын астрономиялык жыл менен айырмасы 8 саат, 48 минут, 3 секундду түзөт. Ошондуктан мусулман жылы жылышып, григориан календары менен 32 жарым жылда бир кез келет. Бирок ал ар дайым бир убакта туш келбегендиктен, кээде 33 жылга (кабиша)  узарып кетиши мүмкүн, демек, григориан жылынан 622-ж. алып коюу туура эмес. Бул өтө одоно ката болуп саналат.

[37] Караңыз: Орбели И. Синхронистические таблицы хиджры и европейского леточисления. М-Л., 1961.

[38] Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996, 363-б.

[39] Байзак Кожобек уулу Албани. Тарихи таным. А., 1994, 143-б.

[40] Жайыл баатыр: учур жана келечек… 51-б.

[41] Салыштырып көрүңүз: «…Садыр ээрчиген кабаны алып келет. Азыраак болуп келет. Капканын оозуна чоң коргон салат. Садыр өзүн хан атайт. Ошол жакы кыргызга ээ болуп, казакка тынчтык бербейт».

[42] Жайыл баатыр: учур жана келечек… 32-б.

[43] Аттокуров С. Аталган эмгек. 96–97-б.

[44] Абдырахманов Ы. Аталган кол жазма.

[45] Закиров С.  Кыргыз санжырасы. – Б., 1996, 99-б.

[46] Аттокуров С. Аталган эмгек. 107-б.

[47] Сулейменов Р. Б. Моисеев В. А. Из истории Казакстана XVIII века. – А., 1988, 130-б.

[48] Аттокуров С. Аталган эмгек. 36-б.

[49] Мухаммад Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. – А., 1999, 423-б.

[50] Жайыл баатыр: учур жана келечек… 52-б.

[51] История Казахстана с др. вр… Т. 3. 141-б.

[52] Аттокуров С. Аталган эмгек. 112-113-б.

[53] Валиханов Ч. Ч. Полн. Собр. соч. в пяти томах. – А., 1968. Т.1, 303-б.

[54] Ошол эле жерде. Т. 2. 78-б.

[55] Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Б., 1993, Т. 1. 165-б.

[56] Валиханов Ч. Ч. Аталган жыйнак. Т. 2. 78-б.

[57] Шаакерим Кудайберди уулу. Тїрк, казак, кыргыз жана хандардын шежиреси. – А., 2004, 41-б.

[58] Шаакерим Кудайберди уулу… 29-б.

[59] История Казахстана с древнейших времен до наших дней в 5и томах. – А., 2000. Т. 3. 720-б.

[60] КРО. док. № 152.

[61] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 165-б.

[62] Караңыз; КСЭ Т. 1.

[63] Акатаев С. Барактын көбү кайсы, көкжалы кайсы? //Жылдыз.– А., 1986. № 5.

[64] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 165-б.

[65] КРО док. № 196 509-510-б.

[66] Кара: Мадени мура: Казактын тарих айту, сактау дастүри жане оны жаңгырту жолдары. Кошкарата конференциясынын материалдары. – А., 2005. 7–10-б.б.

[67] КРО. док. № 111.

[68] КРО.  док. № 166.

[69] КРО. док. № 97.

[70] История Казахстана с др. времен… Т.3. 238-б.

[71] КРО. док. №186.

[72] Шаакерим Кудайберди уулу… 41-б.

[73] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 165-б.

[74] КРО. док. № 185 .

[75] Сборник указов и узаконений за 1749 г. Высочайший указ за № 151. 33–38-б.б.

 

[76] КРО. док. № 80.

[77] Алымбековдун санжырасы. – Б., 2007. 29–30-б.б.

[78] КРО. док. №152.

[79] История Казахстана с др. времен… Т. 3.732-б; Махаева А.Ш.

Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы. – А., 2007. 31-б.

[80] КРО. док. № 167.

[81] Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. – А., 1996, 135, 143–144-б.б.

[82] КРО. док. №№  97, 105 ж. б.

[83] КРО. док. № 120. 5 КРО. док. № 162.

[84] Сборник указов и узаконений за 1752 г. 99–102-б.б.

[85] Сулейменов Р. Б. Моисеев В. А. Аталган эмгек. 106–114-б.б.

[86] Бала Айылчынын санжырасы //Кыргыз санжырасы (Ала-Тоо журналынын тиркемеси). – Б., 1994.

[87] КРО. док. №236, док. № 240.

[88] КРО. док. № № 215, 216.

[89] Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. – Б., 2003. Т.2. 172-173-б.

[90] Абылай хан. Өмүрү менен кызматына катыштуу күжаттар менен материалдар. Түз. З. С. Тайшыбай. Петропавл-Астана. 2005, 400-б.

[91] Абылай хан. Өмүрү менен кызматына катыштуу… 404-б.

[92] Документы и ставки Е. И. Пугачева, повстанческих властей и учереждений. М., 1975, 120-121-б.

[93] Көкбай акын. Абылай. – А., 1993, 25-б.

[94] АВПР. Ф. Киргиз-кайсацкие дела. Оп.122/2. 1762–1775 Д. 14. Л.263.

[95] АВПР. Ф. Киргиз-кайсацкие дела. Оп.122/2. 1762–1775 Д. 14. Л.265 об.

[96] КРО. док. № 270.

[97] АВПР. Ф. Киргиз-кайсацкие дела. Оп.122/2. 1762–1775 Д. 14. Л. 315об.

[98] Ошол эле жерде, Оп. 122/1. 1766–1769. Д.18. Л. 338, 382.

[99] Ошол эле жерде. док. № 272.

[100] Цинская империя и казахские ханства. Вторая половина XVIIIпервая треть XIX в. – А., 1989. 2-ч. 2-ч. 88–89-б.б.

[101] Ошол эле жерде. 96-б.

[102] 100 күжат (Казак хандыгы мен Чиң империясы арасындагы карым-катынастарга байланысты күжаттар). – А., 1998. 80–82-б. 2 Левшин А. И. Аталган эмгек. 255–256-б.б.

[103] АВПР. Ф. Киргиз-кайсацкие дела. Оп.122/1 1779–1780. Д.1, Л.

[104] об. 245.

[105] Ошол эле жерде. Оп.122/1 1779–1780. Д. 1, Л. 244 об. 245.

[106] Сулейменов Р. Б., Моисеев. В. А. Аталган эмгек. 132-б.; Абылсейит М. Казак ханы Абылай тууралуу тарыхтын актай барактары. // Кыргызстан тарыхынын маселелери. № 4. 2006.

[107] Казахско-русское отношения в XVIII–XIX веках. (Сб. документов и материалов). – А., 1964, док. № 54.

[108] История Казахстана с др. времен… Т. 3. 100-б.

[109] Цинская империя и казахские ханства… 64-б.

[110] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 170-б.

[111] Абдырахманов Ы. Аталган кол жазма.

[112] Солтоноев Б. Аталган эмгек. Т. 1. 171-б.

[113] Афанасьев Ю.Н. Я должен это сказать. Политическая публицистика времен перестройки. – М., 1991.

 

АЙТКҮЛ МАХАЕВА ШАЙЫМКУЛ КЫЗЫ

АБЫЛАЙ ХАН ТАРАБЫНАН АМАНАТКА

АЛЫНГАН КЫРГЫЗДАРГА АРКАДАН КОНУШ БЕРҮҮ ТАРЫХЫНАН

XVIII кылымдын 60–70-жылдарында Казакстандын түштүк чек арасына тийиштүү маселени чечүүдө Абылай хан (1771–80) бир топ белсемдүү иш аткарды. Анткени ушул мезгилде кыргыз менен казактардын ортосунда чек ара маселеси өтө курч мүнөзгө айланган. Ошондой болсо да бул маселелер узак убакыт бою казак изилдөөчүлөрүнүн назарынан сырт калып келди. Анын башкы себебинин бири, тек фольклордук даректерде гана айтылып келиши жана алардын марксизм-ленинизм окуткан теорияга жатпагандыгы болгон. Ушул теорияга байланыштуу өзгөчө Кеңеш доору ал маселеге көз жумду мамиле жасоого аргасыз кылдырган.

Жуңгар хандыгы жоюлары менен алар басып алган жерлерди бир кезде биргелешип калмак баскынчыларынан коргогон казак-кыргыз урууларынын ортосунан ынтымак кетип, эми жайытка ылайыктуу жерлерге мурунураак ээ болуп калуу үчүн өз ара талаш-тартыш башталып, мамилеси кескин начарлап кеткен. Натыйжада, казак-кыргыз бир-бирин тынымсыз чабуулдап, ич ара барымта алуу менен кошо кишилерин аманат алган окуяларга жол берилип, Абылай кыргыздардан бир нече жолу аманат алганы тарыхта белгилүү. Биздин чакан изилдөө ушул маселеге арналат.

Архив маалыматтары боюнча Абылайдын кыргыздардан аманат алышы алгач 1766-ж. эскерилет. Ага 1764-ж. кыргыздар Улуу жүз жана Орто жүз казактарына үч мертебе чабуул жасап, көп кишини туткунга алышы себеп болгон деп көрсөтүлөт. Кыргыз тарыхчылары Аттокуров С. Сапаралиев Д. Б. жана «История кыргызов и Кыргызстана» деген китепте[1] ушул чабуулдун биринде казактын 17 султаны менен Абылай султандын кыргыздардын колуна түшүп, 3 айдай туткун болуп, кийин Жайыл баатырдын буйругу аркылуу бошотулганы көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматка илимий шилтеме жасалбагандыктан, анын кай даректен алынганы белгисиз бойдон калган. Мындай маалыматтын өзгөрүүсүз бир китептен экинчисине көчүрүлүп жүргөнүнө караганда, баары бир жерден же С. Аттокуровдун «Кыргыз санжырасынан» алынса керек деп болжолдоого болот. С. Аттокуровго чейин Абылай султандын кыргыздардын колуна түшкөнү тууралуу анын небереси Ч. Валиханов гана жазган[2]. Бирок ал да Абылайдын кыргыздарга качан туткунга түшүп, аны ким бошотконун көрсөткөн эмес.

Эми бул маселени башка жагынан карасак, Ч. Валиханов Абылай хандын 12 аялынын бири (жетинчиси) олжого келген кыргыз кызы Топуш каным экенин жана ал аялынан эки кыздуу болуп, алардын бирин Тооке хандын уулу Турсун султанга узатканын айтат. Балким, бул жагдай бекеринен болбогон чыгар? Ошондуктан Абылай чын эле колго түшүп, көчмөндөрдүн эски салты менен кыз алып, тууган болуп бошонгон чыгар деген ойду четке кагууга негиз жок. Болгону так маалыматтар менен аныкталса жакшы болмок эле демекчибиз.

Архивдеги башка даректер боюнча 1765-ж. күзүндө Абылайдын кыргыздан аманатка киши алганы тууралуу маалымат бар. Ошол мезгилдеги казак-кыргыз карымкатнашынын чиеленишип кетишине кыргыздардын казак талаасы аркылуу өтүп жүргөн букарлыктардын кербенин тоноп алышы себеп болгон[3]. Буга байланыштуу Абылай Кытай императоруна өзүнүн Оторчу башындагы 30 кишини элчиликке жиберип, кыргыздарга тийиштүү маселени жөндөөгө милдеттендирет. Император үчүн атайы 30 ак боз атты белекке жиберип, эгер кыргыздар кытайлыктардын кол алдында болбосо, кийинки жылы күздө куралдуу кол менен барып, согуш кыла турганын жеткизүүнү тапшырган.

1765-ж. башында Абылпейис султан Талас өзөнүнүн боюндагы кыргыздын кытай уруусунун бийи Каработонун айылына чабуул кылган. Ошол эле жылы күз айында Абылай султан да тынч туруу жөнүндө Каработо бий менен макулдашып, анын бир уулун баш кылып 9 түтүн кишисин аманатка алган. Бирок муну менен эки элдин арасы тынчып калган эмес. Ошол эле жылы Каработонун кишилери казактардын айылын чаап, 500 кишини туткунга алып кеткен. Абылай султан кийинки, 1766–67-ж.ж. Ташкентке дагы бир нече жолу чабуул жасайт. 1767-ж. Фергана тараптан Эрдене бий башындагы өзбек-кыргыз аралашкан согушта аркасы менен капталына ок тийип жараланып, артка чегинет. Эрденеге каршы бул согушта Кытай тарап да жардам үчүн Абылай сураган замбиректерди берүүдөн баш тартат. Анткен менен Абылай султан 1768-ж. кокон бийи Эрдене менен тынчтык келишимин түзүүгө жетишип, казак соодагерлери кайрадан Ташкентке чейин барып, ээн-эркин соода жасай башташкан.

Изилдөөчү Н. Бекмаханованын маалыматы боюнча 1769–70-ж.ж. Абылай султан Эдил (Волга)-Жайык тарапта жүргөн[4]. Ага ошол жылы Сары-Аркадагы кыштын катуу болушу себеп болгон. Бул маалымат Ч. Валихановдун[5] эмгегиндеги 1770-ж. Абылайдын кыргыздарга жасаган чабуулу жана анын ушул жылы кыргыз туткундарын Көкчө-Тоого алып келгени жөнүндөгү кабарды жокко чыгарат. 1771-ж. январда калмактар Жуңгар жерине жетүү үчүн Эдилден өтүп, казак тааласы аркылуу «Чаңдуу жүрүш» баштап, Абылай султан да аларга каршы аттанган. Ошол эле 1771-ж. казактар Түркстанда ак кийизге салып, Абылайды хан көтөргөн. Ушундай архив даректери аркылуу Абылайдын 1770-ж. кыргызга жасаган чабуулу жөнүндөгү Ч. Валиханов көрсөткөн маалыматтар жокко чыгат.

Бирок Абылай хандын кыргыздардан аманат алып, аларды Сары-Аркага көчүргөнү тууралуу кыскача болсо да башка эмгектерде айтылат. Мисалы, анын кыргыздардан аманат алып, азыркы Казакстандын түндүк тарабына көчүрүп келгени жана алар бул күндө «жаңы кыргыз» деген урууну курап калышканын орус изилдөөчүлөрүнөн алгач А.И. Левшин билдирген[6]. Өкүнүчтүүсү, ал окуялард ын кайсыл жылы болгону көрсөтүлгөн эмес.

Н.А. Аристов болсо А.И. Левшинди гана кайталап койгон[7].

Ага карабай Абылайдын кыргыздарга жасаган чоң чабуулу 1779-ж. жаз айларында башталган дешке негиз бар. Абылай хан ушул жылы эрте жазда Аркада өзүнүн жашыл туусу алдында 4000 кол жыйнап, уулу Рүстөмдүн башчылыгы менен аны Кара-Тоого аттандырган жанына 2 аялы, 5 уулун алып, көч менен өзү анын артынан жөнөгөн[8]. Шады төрө да[9] Кара-Тоону бет алган Абылайдын көчү Сары-Суу, Жети-Коңур, Чүй өзөнүнөн өтүп, Кара-Тоонун этегине жеткенде, Үч жүздүн жакшылары хандын алдынан тосуп, амандашууга чыгып; «…кошундун көптүгү менен хандын чечкиндүүлүгүн көрүп, катуу кубанышканын» жана ханга арналып үй тигилген саздын аты мурун «Козыкен» экенин, ал жердин абасы салкын, чөбү тулаңдуу болгондуктан, хандын ордосу ошол жерге тигилип, кийин эл аны «Шаңлак» деп атап калышканын айтат.

1779-жылы Абылай хан Талас өзөнүнө жакын келип, жардамга аскер суроо үчүн уулу Сыздыкты Кытайга жиберген. Өзү Улуу жүз урууларын башкарган Болот ханга акылдашып, кыргыздарды чаап келүүгө кол курап, Чынгыз султан менен иниси Абылпейис султанды аттандырган. Кебетеси алдын-ала аларды кыргыздардын колу менен жер өңүтүн билип келүүнү кошо тапшырса керек. Эки султан жетектеген колдун жеңишсиз келиши кыргыздар жактын дагы жакшы уюмдашканын далилдейт. Алар кур кол кайтып келген соң, колду ошол эле жылы Абылай хандын өзү баштап, кыргыздарга каршы жортуулга чыккан. Демек, Абылай хандын кыргыздарга каршы чоң жүрүш жасап, алардан көп кишини аманатка алышы 1779-ж. туш келет.

Кыргыздар менен согушкан ошол 1779-ж. Абылай бир нече кыргыз бийлеринин балдарын аманатка алып, Көкчө-Тоого көчүргөн[10]. Абылай хан жөнүндө Омск областтык архивинен узак убакыт бою маалымат жыйнаган Б.Насенов дагы 1779-ж. Абылай кыргыздардан көп адам алып келгенин көрсөтөт[11].

Абылай хандын кыргыздарга колдонгон саясаты жөнүндө казактарга караганда кыргыздарын оозеки фольклорунда маалымат көбүрөөк кезигет. Ошондой даректердин бири Т. Алымбековдун «Кыргыздардын келип чыгышы» деген кыргызча кол жазмасы болуп эсептелет. Ал кол жазма кыргыз тарыхын изилдөөчүлөр тарабынан илимий негизде такталып, кеңири колдонула баштады[12]. Тилекке каршы, казак изилдөөчүлөрү жарыкка чыгарып жаткан эмгектерде ал кол жазма али өз ордун таба элек. Анда Абылай хан адегенде кыргыздарга каршы казактардын кол сурашын жактырбай; «кечээ эле жоо бетин бирге кайрып жүргөн, үркөрдөй болгон бир боз үйлүүнүн тукуму элек» деп, андан көрө жан-жагынан башка кубаттуу элге каршы чыгып калышса, бир-бирине пайдасы тие турганы ачык айтылат.

Ошондой эле Абылайдын: «Мен кыргыз деп аттанбайм, Садыр деп аттанам» дегени, акыры көпчүлүктүн арызы менен кол баштап, кыргыздарга аттанууга мажбур болгону Т. Алымбековдун кол жазмасында ишенимдүү көрсө түлүп, ушул учурда эки эл бир нече жолу бир-бирине элчилик жибергени тууралуу да айтылат. Көкчө-тоолук Д. Шакан уулунун айтканы боюнча Абылай хандын кыргыз бийи Садырдан аманатка киши алуу жөнүндөгү келишимдин максаты «кыргыз башчылары болгон адамдардын балдарын алып, кан аралаштырсак, жоо болбосок» деген ой болгон[13].

Абылай хандын кыргыздарга жасаган жортуулу 1775–76-ж.ж. болгон деген пикирди колдогон кыргыз тарыхчысы Б. Солтоноев: «Таласты ордо кылып, анда суракчы кишилерин коюп, өзү Сары-Аркага кеткенде, бирге кыргыздан бир миң түтүн, бир кабарда 600 түтүн көчүрүп кеткен… Абылай бүткүл кыргыздын үстүнөн ак үйлүү кылып, солто Жамансарттын уулу Түлөбердини баш кылып алып кеткен, анда барганда туулган бала Канай» – дейт[14]. Ал эми казак тарыхчысы Машкүр Жусуп жазып алган аңгемеде «баатырлар кыргыздан кош башынан бир үйдөн шыбага алып, ар дубандагы аргын ичиндеги кыргыздар ошолор дешет. Ошол кыргызды көбү уйсун ичинде калыптыр» делет[15].

Казактарга тийиштүү фольклордук даректерде Абылай кыргыздын атактуу манаптары менен баатырларынын балдарынан таңдап, аманатка 40 кыз, 40 жигит алганы, эки жак мындан жоолашпоого ант беришкени айтылат. К.Абуев: «…Андан соң Абылай кырк кишини алып келип, өз ээлигиндеги Бурабайдын күңгөй тушундагы жайыттуу жерге жайгаштырат. Ушундан кийин казак менен кыргыз элдеринин арасында туруктуу тынччылык орногон экен. Ошол кырк адамдан арбыган урпактар жаңы конушка суудай сиңип кетсе да, чыккан тегин унутпай, өздөрүн кыргызбыз деп санаган. Ошентип, казак талаасынын дал ортосу, жер учугу Көкчө-Тоо өңүрүндө казактын кыргыз деген уруусу пайда болгонун» жазат[16][17].

Абылай хандын кыргыз урууларын Аркага көчүрүп келишин жана алардын Орто жүз казактарынын ичине орношуп, кийин казактардын арасына сиңип кеткени тууралуу маалыматтарды өз изилдөөлөрүндө туңгуч илимпоздордун бири, белгилүү коомдук ишмер А. Бөкөйханов да көрсөтөт. Ал 1896–1901-ж.ж. көчмөн казактардын турмушун, мал чарбачылыгын, уруулук курамы тууралуу статистикалык маалымат жыйыштырган Ф.А.Шербинанын экспедициясында статист болуп жүрүп, Орто жүз курамына кирген кыргыздар менен жакындан таанышкан. Ошол экспедиция менен Семей областына караштуу Каркаралы уездиндеги илимий изилдөөлөргө тикелей катышкан А.Бөкөйханов: «Каркаралы уездинде казактардан соң, эң көп сандуу топту кара кыргыз деген ат менен белгилүү болгон кыргыздар курайт. Алардан кийин султандар менен алардын төлөнгүттөрү турат» – деп белгилейт[18]. Каркаралы жери А. Бөкөйхановдун туулган жери экендигин эскертсек, анда изилдөөчү Орто жүз курамындагы кыргыздардын чыгуу тегин чоң тыкандык менен карашы, анын өз эл-жерин тереңирээк билүүгө болгон аракети деп баалоого болот.

Ушу Орто жүздүн аргын урууларынын курамына кирген кыргыздардын уруулук түзүлүшүн А. Бөкөйханов төмөндөгүдөй таратат:

Семей областынын Каркаралы уезиндеги Кубандык уруусунун (аргындардын бир тармагы) санжырасын таркаткан А. Бөкөйханов Мамадайыр уруусунун чыгуу теги жөнүндө «Абылай хандын Мамадайыр деген төлөнгүтү бар экен. Жаназар деген калмак баатыры өз туугандары менен Абылай хандын карамагына өтүп, казак талаасынан конуш алат. Мамадайыр уругунун бай казагы Өмүрзак деген Жаназар менен достошуп, бири малын аябай, экинчиси аны коргоп, жанын аябайт. Мамадайыр уруусу менен калмактар кошулуп, «Курама» деген калкты түзүшөт. Аларга кийинчерек кушчу уругунун кыргыздары келип кошулат. Алар биригип, Чаар-Тоо болуштугунун төлөн гүттөрүн курады. Аларды: «Өмүрзактын дөөлөтүнө, Жаназардын кубатына жыйналган эл дешет экен» – деп түшүндүрөт[19]. Аргындардын ичиндеги кубандык уруусунун санжырасын А. Бөкөйханов төмөндөгү схемада та ратат:

Кыргыз санжыра жыйноочусу М. Байгаринов: «…Кушчу Алмакүчүктүн уулу Шайбек Абылай хандын убагында урушта казака колго түшүп кеткен экен. Кийин казактан Кененсары кыргызга чабуул койгон кезде кайра жолдо келе жатып, келери менен улуу аялы эркек төрөгөн. Жолдо жүрүп төрөдү деп, баласынын атын Аманжол койгонун» белгилейт[20]. Солтодогу Тата уруусунун балдары Торгой областындагы казактардын ичинде. Таталар аталып, 8 урук эл болуп тараган деген кабар да бар[21].

Архив маалыматтарында сайдалы жана кыргыз уруулары биригип, 1847-ж. 502 түтүнгө жетип, өзгөчө болуштук кураганын жана аларга султан А. Тайменов болуш башкаруучу болгону айтылат[22].

Кытайлык жылнамаачы Суй Сунун «Шынжан тууралуу кыскача кабар» («Шынжан ши люе») деген эмгегинде Абылай хандын мураскору Валинин аргын уруусунун 44 тармагын, анын ичинен «жаңы кыргыз-аргын», «бай кыргыз-аргынды» дагы башкара тургандыгын, алардын Көкчө-Тоо айланасында көчүп-конуп жүрүшкөнүн, Көкчөдөн Илеге чейин 3 ай жүрүү керек экендиги баяндалат[23].

Көкчө-Тоо жериндеги кыргыздар тууралуу, алардын орношкон конушун, чарбасы менен бул жактарга качан келишкени жөнүндөгү бир кыйла башка статистикалык даректерди Акмоло облусу, Көкчө-Тоо уездинде жүргүзүлгөн Ф. Шербинанын экспедициясы изилдеген материалдан алууга болот. Анда Көкчө-Тоо уездиндеги кыргыздардын Абылай хан менен бирге келгендиги айтылат[24]. XIX кылымдын аяк ченинде Көкчө-Тоо уездиндеги Котур-Көл жана Зеренди болуштуктарындагы казак айылдары менен аралаш отурган кыргыздар өздөрүн ошол кыргыздардын 5–7-муундагы урпактары экендигин, ал эми кээ бири өз айылдарын андан 120, 140, 160 жыл мурун түптөл гөнүн айтышкан[25]. Эгер андан 120 жыл мурун Көкчөдө кыргыз айылдары пайда болгон болсо, анда чама менен алганда кыргыздардын ал жерлерге келиши 1779–80-ж.ж. деп эсептөөгө мүмкүндүк берет жана Абылай хандын кыргыздарга жасаган соңку чабуулу ушул жылдары болгон деген корутунду чыгат. Кыргыздардын ушинтип Көкчөд өгү жерлерден конуш алышы аркылуу тарыхтагы «Жайыл кыргын» деген ат менен белгилүү болуп калган казак-кыргыз арасындагы кандуу чабышты да 1779-ж. болгондугун жоромолдоого мүмкүндүк алабыз. А. Бөкөйхановдун үзөңгүлөш жолдошторунун бири, казактын жалындуу акыны С. Торуайгыров да Курбан ажыдан жазып алган аңгемесинде[26] Жайыл баатыр Абылай хандын колуна түшкөндө 88 жашта болгон деген маалымат берет.

Казак айыл ичиндеги бай кыргыздардын айылы чыны менен эле бай болгонбу деген суроону эске албай койгонубуз да туура эмес. Анда, Көкчө-Тоо уездинин Зеренди болушуна караган № 4 айылдагы бай кыргыздардын (бул жакка келишкен кыргыздардын бешинчи мууну) саны 28, алардын ичинен жумушка жарамдуусу 9, кийиз үйлөрү 8, жыгач үйлөрү 8, жылкысы 20, кара малы 43, койлору 11, кой-эчкиси 23 деп көрсөтүлгөн[27]. Ошондуктан, башка кыргыздарга салыштырмалуу бай аталган кыргыздарда мал башы аз экени байкалат. Мындай маалыматтар «бай кыргыз» деп аталуу Көкчөгө келген кыргыздардын бай болгондуктары үчүн коюлбагандыгын түшүндүрөт.

Абылай хандын Көкчөгө алып келген кыргыздары жүз жылдай убакыт өткөн соң 350 түтүн курагандыгын И. Словцов да белгилейт[28]. Аркага келген кыргыздардын урпагы, айтыш өнөрүнө уста, айтылуу акын Шөже (кыргызча Жөжө) Каржаубай уулу (1808–95) болгон. Шөженин атасы Каржаубай Абылайдын аманатка алып келген жигиттеринин бири экен. Каржаубай адегенде Абай акындын атасы Кунанбайдын айылында болуп, кийин Жайык деген байдын айылына туш болгон. Каржаубай ошол айылдан Шамен деген кыргыздын кызына үйлөнүп, андан Шөже акын туулган. Шөже убагында казактардын башкы акыны Абайга таалим берип, Орунбай сыяктуу акындар менен чогуу жүргөн. Кийин Калдыбай кожо деген акын менен айтышка түшүп, аны жеңип алган. Ошол Калдыбай менен айтышканда:

Арманым, Ала-Тоону көрө албадым,

Элимди бир көрүүгө тагдыр берсин – деп, ырдаган экен.

Абылай хандын аманатка алып келген кыргыздары бүгүнкү күндө казактарга бир тууган болуп, алардын арасына сиңип кетти жана алар жеке диаспораны курабай калды. Кыргыз боорлорунун бир акыны да «Астанадагы кыргыз айылы» деген ырында:

Астана калаасынын, Чет жака жерлеринде. Кыргыздын айылы бар, Казактын элдеринде. Ата-тек келген дешет, Абылай мезгилинде – дейт1.

Корутундалап айтканда, казак жеринин төрү болуп эсептелген Сары-Аркада, казактын Орто жүз курамында кыргыздардын пайда болушу, кыргыз-казактардын кийинки тукумдары тынчтыкта турушу үчүн Абылай хандын эл аралык дипломатиялык саясатынын жемиши болгон деген тыянакка токтомокпуз.

[1] Аттокуров С. Кыргыздар XVIII кылымда. – Б.,  2003, 87-б.; Сапаралиев Д. Б. Кыргыз-казак мамилеси. (XVIII к. экинчи жарымы – XIX к. биринчи жарымы). //Манас университетинин коомдук илимдер журналы. – Б., 2001, 13-б; История кыргызов и Кыргызстана. Учебник для вузов. – Б., 2003. С. 150.

[2] Валиханов Ч. Ч. Абылай //Абылай. Кураштырган С. Карамендин. – А., 1993.

[3] Абылай хан. Өмүрү менен кызматына катыштуу кужаттар менен материалдар жыйнагы. Кураштырган З. С. Тайшыбай. Петропавл-Астана, 2005. 371-б.

[4] Бекмаханова Н. Легенда о невидимке (Участие казахов в крестьянской войне под руководством Пугачева в 1773–1775 годах). – А., 1968, 158-б.

[5] Валиханов Ч. Ч. Аталган эмгек. 12-б.

[6] Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. А., 1996, 256-б.

[7] Аристов Н.А. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. – Б., 2001, 434-б.

[8] Архив внешней политики России. Дело киргиз-кайсаков. Оп. 122/1. 1779–1780. Д.1, л. 263–264.

[9] Жангиров Ш. Тарикат //КР УИА Адабият жана Өнөр институтунун кол жазма фонду. 888-п.

[10] Государственный архив Оренбургской области. Ф. 1, 1-т. Дело № 176, л. 372–373.

[11] Насенов Б. Абылай хан. Новосибирск, 2005, 80-б.

[12] Алымбековдун санжырасы. – Б., 2007.

[13] Шакан уулу Д. Абылай хан менен Садыр бала // КР БЖИМ Борбордук китепканасынын кол жазма фонду.

[14] Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Б., 1993, 173–174-б.б.

[15] М. Ж. Көпеевдин кол жазмасы // КР БЖИМ Борбордук китепканасынын кол жазма фонду.

[16] Абуев К. Казакстан тарыхынын актаңдак беттеринен. – А., 1994,

[17] -39-б.

[18] Бөкөйханов А. Таңдамал. – А., 1995, 89-б.

[19] Бөкөйханов А. Көрсөтүлгөн эмгек.

[20] Кыргыз санжырасы. КР УИА КЖФ. Инв. № 564. //Жыйнаган Муса Байгаринов.

[21] Мухаммедали Кыпчаков. Кыргыз атындагы китеп. КР УИА КЖФ.  Инв. № 47.

[22] КР БМА. Ф. 374, 1-т. Дело № 5109. Л. 5.

[23] Казакстан тарыхы тууралуу кытай даректеринен. 1-том. – А., 2005, 306-307-б.

[24] Материалы по киргизскому землепользованию, собранные и разработанные экспедицией по исследованию степных областей. Акмолинская область. Кокчетавский уезд. Т.1. Воронеж: Типография В.И.Исаева, 1898.

[25] Ошол эле жерде. 75–124-б.б.

[26] Торайгыров С. Окшош сөз. Жылаңач баба (Курбан ажынын оозунан) //Казак. 1916. 24-мамыр.

[27] Материалы по киргизскому землепользованию… 124–125-б.б.

[28] Словцев И. Путевые записки введенные во время поездки в Кокчетавский уезд, Акмолинской области в 1878 г. //Записки ЗападноСибирского РГО. Кн. 21. Омск, 1897, 186-б.

И. МОЛДОБАЕВ

    РЕРИХТЕР КЫРГЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ

Рерихтердин чыгармачылыгы эл аралык мааниге ээ. Алардын басып өткөн эмгек жолдору дүйнө жүзүндөгү прогрессивдүү адамдарга зор үлгү болуп кала берди.

Өзгөчө алар илгертеден бери уланып келе жаткан орус индия элдеринин достугун андан аркы жогорку деңгээлге жеткизип чыңдоодо чоң роль ойноду. Деген менен окурмандарга дагы түшүнүктүүрөөк болсун үчүн Рерихтер ким экендиктери жөнүндө кыскача токтолуп кетели.

Николай Константинович Рерих (1874–1947) аты дүйнөгө белгилүү сүрөтчү. Атасы Петр Iге кызматка өткөн скандинавдын тукумунан. Н. К. Рерих өз убагында Петербургдун сүрөт Академиясын жана университеттин укук факультетин бүтүргөн. Орус сүрөт Академиясынын академиги болуп шайланууга татыктуу болгон. Сүрөт искусствосунан тышкары ал тарыхта, археологияда, этнографияда, адабиятта, укук таанууда, географияда ж.б. илимдердин тармактарында өчпөс из калтырды. Н.К.Рерихтин чыгармачылыгынын баалуулугун жана көп кырдуулугун таамай байкаган анын пикирдеши жана досу Джавахарлал Неру мындай деген: «Мен Николай Рерих жөнүндө эстегенде анын жасаган ишине, жөндөмдүүлүгүнө жана байлыгына таң калам. Залкар сүрөтчү, залкар окумуштуу жана жазуучу, археолог жана изилдөөчү, ал адам баласынын умтулуусунун көп кырдаалдарын козгоп кеткен».

Н. К.. Рерихтин үй-бүлөсүнүн тагдыры абдан кызык. Алардын 1917-жылы дарыланууга Финляндияга барышы Улуу Октябрь революциясынын эң алгачкы күндөрүнө туш болуп, кайра Петербургга кайтып келе алышпай калган эле. Европа менен Американын бир топ шаарларында болушуп, акыры Индияга токтолуп калышына дагы бир себеп – Н. К. Рерих бала кезинен эле Индия менен славян элдеринин түпкү маданияттары үндөш деп эсептөөчү. Эми анын бул оюнун ишке ашуусу чындыкка чукул эле. Кийин турмуш көрсөткөндөй, улуу сүрөтчүнүн үй-бүлөсү индия элинин урматына, сыйына татыктуу болгон. Н.К.Рерихтин чыгармачылыгын изилдөөчүлөр, айткандай, ал сүрөтчү гана болуп чектелген күндө да, өзүнүн ысымын өчпөс кылып кетмек экен, анткени ал 7 миңдей сүрөтүн калтырып кетти. Дүйнөдөгү эң ири музейлер анын тарткан сүрөттөрүн алууга дилгир. Дүйнөлүк сүрөт өнөрүндө эч бир сүрөтчү адам менен жаратылыштын биримдигин айгинелеген терең философиялык чыгармаларды Н. Рерихтей жарата элек болучу.

Азыркы учурдагы эл аралык ахвалдын татаалданып кетишинин маалында Н. Рерихтин «Согуш мезгилдеринде дүйнө жүзүндөгү маданий байлыктарды бузуп талкалоого жол бербей сактап калуу» жөнүндөгү Пактысын эскербей коюуга болбойт. Ал Пактыга кийинчерээк окумуштуунун көзү өтүп кеткенден кийин, 1954-жылы Гаагада эл аралык конвенцияга кол коюлган. Анын негизин Н. Рерихтин Пактысы түзгөн эле. Н. К. Рерихтин калтырган чыгармачылык мурасы анын бүт үй-бүлөсүнүн кылган аракетинин натыйжасы десек да болот.

Н. К. Рерихтин аялы Елена Ивановна бүт өмүрү боюнча күйөөсүнө жөлөк болуп, анын бир топ ойлорун ишке ашырууга чоң жардам берген. Е. И. Рерих өзү да бир топ философиялык эмгектердин автору. Мисалы, анын «Буддизмдин негиздери», «Чыгыштын криптограммалары» деген эмгектери, бир далай илимий иштердин котормолору белгилүү.

Н. К. Рерихтин уулдары Юрий менен Святослав да дүйнөгө маалим адамдар. Юрий Рерих (1902–1960) гимназияда окуп жүргөнүндө эле монгол тилдери боюнча белгилүү адис А. Д. Руднев менен монгол адабиятын, академик Б. А. Тураев менен египтологиянын негиздерин үйрөнө баштаган. Кийинчерээк чет өлкөлөрдө жүргөндө Юрий өзүнүн билимин өркүндөтүүнү токтоткон эмес. Лондон университетинин инди-иран бөлүмүнөн, Америкадагы Гарвард университетинин индия тилдери боюнча бөлүмүнөн, Париж университетиндеги Сорбон чыгыш тилдер мектебинен билим алууга жетишкен.

Ю. Рерихти билгендер анын бир топ чыгыш жана батыш тилдерин мыкты өздөштүргөнүн, ал эми монгол тилин болсо боз үйдө туулган монголдой билген деп эскеришет. 1924-жылы Юрий Сорбон чыгыш тилдер мектебин бүтүргөндө индия филологиясынын магистри деген илимий даражага татыктуу болгон. Бул илимий даража бекеринен берилген эмес эле, анткени ал санскрит тилин андан ары өздөштүрүүдөн тышкары кытай, монгол, тибет, фарси, Индия элдеринин жана да грек менен латын тилдерин мыкты билген. Окумуштуунун тилдерди үйрөнүүдөн тышкары археология, этнография, тарых илимдерине болгон кызыгуусу, Борбордук Азиянын цивилизацияларынын али белгисиз жаткан сырларын ачууга мүмкүнчүлүк берген.

1957-жылы Рерихтердин үй-бүлөсүнөн жалгыз гана Юрий Рерих СССРге кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алган. Профессор Юрий Рерих СССР илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда иштеп турганында, 1960жылы капысынан дүйнөдөн кайткан. Анын «Звериный стиль у кочевников Северного Тибета», «Голубые аниалы», «Учебник разговорного тибетского языка», «Основные проблемы тибетского языковедения», көп томдон турган «Тибетче-орусча-англисче, санскрит параллелдери менен» деген сөздүгү (дүйнөдөн кайткандан кийин жарык көрүп жатат) ж. б. көп сандаган эмгектери советтик гана эмес, бүткүл дүйнөлүк чыгыш таануу илиминин алтын казынасы болуп эсептелет.

Н. Рерихтин кичүү уулу Святослав Рерих (1904-жылы туулган) атасына окшоп сүрөтчү, илимдин көп тармактарына кызыккан рухий байлыгы кенен адам. Өзгөчө анын Азия элдеринин байыркы искусствосун изилдөөдөгү салымы зор. Ал азыр Индияда турат. Бир нече жолу Советтер Союзуна келип кеткен. Анын сүрөт көргөзмөлөрү биздин республикабыздын борбору Фрунзе шаарына чейин жеткен. 1984-жылы Индия менен СССР элдеринин достугун өркүндөтүү жана чыңдоодогу зор салымы үчүн С. Н. Рерих СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Элдердин Достугу ордени менен сыйланган. Албетте, бул кыска макалада Рерихтер жөнүндө мындан толугураак айтуу кыйыныраак. Алардын ар бири жөнүндө өзүнчө толгон-токой сөз козгоого татыктуу.

Бала кезинен эле Н. Рерих Индияны жана Борбордук Азияны аралап саякат жасоону эңсөөчү. Анын бул ою Индияга келгенде ишке ашып, бүт үй-бүлөсү менен саякатка даярдана башташат. Юрий Рерихтин Борбордук Азиядагы элдердин тилдерин мыкты билгени, атасынын жүргүзө турган экспедициясына чоң жардам берген. Чын эле кийинчерээк алардын экспедициясы бир нече ирет кысталыш кырдаалдарда калганда Юрийдин жергиликтүү элдердин тилдерин билгендиги оңдой берди болуп, аман калышкан. Ошентип, Н. Рерихтин экспедициясы 1923-жылы Борбордук Азияга аттанат. Н. Рерих бул татаал, бирок кызыктуу саякатка аялы Е. И. Рерихти жана уулу Юрийди кошкон. 1925-жылдан 1928-жылга чейин созулган саякатында Рерихтер 25000 чакырым жол жүрүшүп, нечен-нечен туу ашууларды ашып, нечен-нечен сууларды, чөлдөрдү кесип өтүшкөн. Жолдо алар бир топ элдер менен кездешкен. Алардын арасында кыргыздар да бар эле. Рерихтердин кыргыздар жөнүндө калтырып кеткен маалыматтары жөнүндө илимий адабиятта жана басма сөз беттеринде (бул саптардын автору 1982-жана 1984-жылдары «Рериховские чтения – 3». «Рериховские чтения – 4» деген илимий конференцияларда жасаган докладдарынан жана да анын Кыргызстандын басма сөз беттеринде берилген кыскача билдирүүлөрүнөн тышкары) атайын эмгектер жок. Ошондуктан, бул макалада Рерихтердин саякатта жүрүп, кыргыздардын турмуш-тиричилиги менен таанышып, өздөрүнүн күндөлүктөрүндө алар жөнүндө жазып кеткендерин баяндап бермекчибиз.

Н. К. Рерихтин Борбордук Азияга жасаган алгачкы саякаты 1923-жылы башталып, жалпысынан 5 жылга созулган. Негизги маршруту 1925-жылы Индиянын Сринагар деген шаарынан башталган. Каракорум бийик тоо массивинен өтүшүп, Кытай мамлекетинин территориясына киришкенде эле, алар биринчи ирет кыргыздарга жолуккан. Мисалы, 1925-жылдын 3-октябрында Кароолсугет деп аталган Кытайдын чек аралык постундагы кытай офицер башкарган 25 солдаттын жарымынан көбү кыргыздар болуп чыккан. Санжу даван жана Сугет даван деген бийик ашууларды (бийиктиктери 5 миң метр) өтүп, байыркы кербен жолдору менен өрөөнгө түшкөндөрүндө алгачкы эле айыл кыргыздардыкы болучу. Н. Рерих өзүнүн күндөлүгүндө бул тууралуу мындайча маалымат калтырган: «Кыргыздардын алгачкы айылын кезиктире баштадык. Боз үйлөр же төрт бурч келген асканын бооруна салынган таш үйлөр. Айдалган чакан жерлери бар. Бийик келген ак түстөгү баш кийим жана кызыл күрмө кийинген чарчы бойлуу кыргыздардын аялдары. Кызыл түстүү, төбөсү учтуу келген чакан малакайчан кыргыздар. Тарткан сүрөттөрүм чыкса экен». (Рерих Н. К. Алтай-Гималай. – М., 1974, 102-б.) Бул жерде айтып кете турган нерсе, мына ошол Санжу өрөөнү менен ага чукул тоолуу жерлерде кыргыздардын XX кылымдын башында жашап тургандыктары жөнүндөгү кабарды Б. Солтоноевдин «Кыргыз, казах тарыхы» деген кол жазмасынан гана кезиктиребиз. (Кол жазманын көчүрмөсү Кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар фондуларында сакталып турат). Бирок да асканын бооруна кыргыздардын үй куруулары Рерихтердин гана жазып кеткендеринен билип олтурабыз.

Жолдо Рерихтердин ар бири өз алдынча күндөлүк жазып жүргөндүктөрү мактоого татырлык. Маселен, кыргыздар менен болгон алгачкы кездешүүсүн Юрий Рерих өзүнүн күндөлүгүндө төмөндөгүчө сүрөттөгөн экен: «Биз кирген үйлөрдүн (кыргыздардын үйлөрү – И. М.) кожоюндары меймандос болуп чыгышты. Алар биздин алдыбызга аябай таттуу коондорду коюшту, мындай тамакты биз көптөн бери көрө элек болчубуз. Аялдары таза жана тыкан кийингендери менен көңүлүбүзгө толуп турду. Боз үйлөрдүн ичи килем жана туш кийиз менен жасалгаланган. Биздин көзүбүзгө санжулук кыргыз башка жерлердеги туугандарына караганда бир кыйла түзүк жашашкандай көрүндү. Кыргыздын аялдары Елена Ивановна Рерихти курчап алышып, анын костюмуна кызыгып, маектешип жатышты. Кыскартып айтканда, алар абдан меймандос эл экен. Санжудагы кыргыздар негизинен топос жана кой багышат. Жылкы менен төөлөрү да бар, бирок азыраак». (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии 1982. 55-б.).

Рерихтердин экспедициясы кыргыздарды жалпы эле чыгыш Түркстандын аймагында жана кайра келе жаткан жолдорунда Монголиядан кезиктиришкен. Атап айтканда, алар кыргыздарды: Каракорум – Котон – Жаркен – Кашкар – Аксу – Күчар – Карашаар – Токсун – Турпан райондору – Үрүмчү – Тянь-Шань – Зайсан маршруттарында жолуктурушкан.

Саякатчылар кыргыздарды каерден кана жолуктурушпасын, бардык жерден алардын сый-урматын көрүшкөндүктөрүн, меймандостуктарын такай белгилешет. Буга Н.Рерихтин мындай деп жазып кеткен саптары күбө: «Эртең мененки тамакты ичиш үчүн, бир жерге токтогубуз келди. Бирок капысынан эле биз тааныбаган атчан кишилер чаап келишип, илгерирээк барып токтоого сунуш кылышты. Көрсө кыргыздардын аксакалдары бизге дасторкон даярдап турушкан экен. Аябай кооз ала кийиздин үстүнө жайылган дасторкондо коон, дарбыздар, алмуруттар үйүлүп турат. Куурулган тооктордун эттери менен отко какталып бышырылган койдун жарым эти ортодо. Тегерек көмөч нандар. Питер Эртцендин (1509–1575-жылдары жашаган нидерланддык белгилүү сүрөтчү – И. М.) сүрөттөрүнөн түшө калгансыйт» (Рерих Н.К. Алтай-Гималай», 106-б.). Бул саптардан тарыхчылар менен этнографтар да өздөрүнө пайдалуу маалымат ала алышары бышык. Жогоруда айтылгандан көрүнүп тургандай, кыргыздар мал чарбачылык менен катар дыйканчылыкты жакшы өздөштүрүшкөн. Буга дагы бир далил: Санжу өрөөнүндөгү кыргыз айылдарында саякатчыларды алма, өрүк, алмурут, шабдаалы, коон, дарбыз ж. б. жер-жемиштер менен сыйлагандары. Жергиликтүү кыргыздарда мергенчилик кесип өнүккөн экен. Тоолуу жерлердеги кыргыздарда кол өнөрчүлүк да өрчүгөн: «Кыргыздардын аялдары саймаларын көрсөтүштү, бирок сатышпастан ар бир аял өзүнүн үй-бүлөсү үчүн гана жасайт экен». Саякатчылар кыргыздардын айылдарындагы боз үйлөрдүн санын эсепке алганды да унутушпаптыр. Кай бирде алардын жолунда жалгыздап отурукташкан үй-бүлөлөр кездешкен. Бул тууралуу Ю. Рерихтин жазып калтырган саптары бар: «Алты сааттык жүрүштөн кийин, жалгыз турган кыргыздын боз үйүнөн алыс узабай лагерибизди токтоттук. Үйдүн ээси бизге кургатылган жүзүм менен сүт алып келип, колунан келгиче көңүл бурду. Жакын жерде көгөрүп бир топ тал өсүп турат, тоонун этегинде жоон топ жылкы жайылып журүшөт». (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии, 55-б.).

Кыргыздардын кийим кечелери жөнүндө Ю. Рерихтин этнографиялык байкоолору кызыгуу туудурбай койбойт. Мисалы, Үрүмчү шаарындагы бир көчөнү мындай деп сүрөттөгөн: «Жоон топ элдин арасынан шаарга келишкен кыргыздар көбүрөөк көзгө учурайт. Алардын башында кийгени териден жасалган өзүнчө бир шапке (тебетей болуу керек – И. М.), үстүнө кийгендери оор тон, буттарында булгаары өтүк». (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии, 96-б.) Рерихтин айтуусунда, жергиликтүү кыргыздар соода менен да тиричилик кылышкан экен. Бул жерлердеги мыкты аргымактарды жана килемдерди кыргыздардан сатып алууга боло тургандыгын, килем жасоо кыргыздарга илгертеден бери эле тааныш экендигин белгилейт Ю. Рерих. Мындай ойду 1976-жылы биздин Түштүк Кыргызстанга жасаган экспедициябыздын жыйынтыктары бышыктап тургансыйт. Анткени Ош областынын бир топ жерлеринде килем токуу өнөрү азыркы күндөргө чейин жетип, унутулган эмес экен. Кашкардын базарын окумуштуулар «анык этнографиялык музей» деп таамай белгилешкен. Себеби  алар бул жерден ар кыл элдердин үрп-адаты, салты, кийинген кийимдери, сүйлөгөн тилдери менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Кыргыздардын жергиликтүү акчалардын түрлөрүнөн башка да, чет өлкөлөрдүн акчаларын соода-сатыкта колдоно билишкендиктерин саякатчылар өз көздөрү менен көрүшкөн. Ал тургай кыргыздар экспедицияга акча алмаштырып алуу жагынан жардам беришкендиктери Н.Рерихтин төмөндөгү сөздөрүнөн көрүнүп турат: «Калган рупийлерди алмаштырып алуу керек эле. Орустун алтын акчасын алууну сунуш кылышты. Азыр червон акчалары менен барабар. Бул акчаларды тоолук кыргыздар алып келишет экен. Индиялыктар менен түрктөр аларды жандили менен алышат» (Рерих Н. К. Алтай-Гималай, 151-б.).

Рерихтердин калтырган эскерүүлөрүндө жергиликтүү кыргыздар мусулман дининде болушкан. Бирок бакшы менен думаналардын таасири күчтүү экенин байкаган Н.Рерих жол дептерине минтип жазган: «Жомок, дастандарды аткара алуучу жана башка көп түркүн нерселерди билчү жаш бакшы бизди кууп жетти. «Шабистан жөнүндөгү дастанды бизге ырдап берчи»,– деп суранып калдык. Ал аркасына асынган кылдары бар аспабын (комуз болуу керек – И. М.) алып чыгып, атчан бастырып бара жатып эле ырдап баратты. Кыргыздардын жергесинде болушубуздун акыркы күнүндө кыргыз бакшысынын ыры менен күүсү бизди узатып жатканына аябай кубанычта болдук» (Рерих Н. К. Алтай-Гималай, 177–178-бб.). Бакшылык же башкача айтканда, бул жерлерде Борбордук Азиялык жер-сууга сыйынуучу байыркы диндердин калдыктары калгандыгын саякатчылар жолдо кезиккен кыргыздардын «мазар» жерлеринен да билишкен.

Жолдо кезиккен элдердин арасынан алар тарых, жомок, уламыштарды билген адамдарды баалашкан. Бул жерлерде көп акындар, санжырачылар бар экенин көрүшкөн. Ю. Рерих бир күнү ушундай бир адам жөнүндө мындай деген: «Борбордук Азиядагы ар кайсы уруулардын санжырасын мыкты билген адамдын үйүндө бир түн өткөргөнүбүз үчүн абдан ыраазы болдук». Экспедицияда түзүлгөн күндөлүктөрдүн негизинде жазылган Рерихтердин китептерин окусаң, жалпы эле кыргыз фольклорун, өзгөчө баатырдык эпосторду изилдөөдө көмөк боло тургандай маалыматтарды табууга болот. Кыргыз элинин баатырдык эпосун изилдөөчүлөргө бул чыгармаларда адатта географиялык аттарды тигил же бул айтуучунун фантазиясынын эсебинен киргизип коёбуз, Мисалы, сөзүбүз эки болбосун үчүн «Жаныш-Байыш» эпосуна кайрылалык. Мында Каракудук деген шаардын аты аталат. Үстүртөдөн караганда бул топонимди эпикалык же фантастикалык деп жыйынтык чыгара койсо болчудай. Бирок Рерихтер жазып кеткендей, экспедиция Каракудук деген «топурак дубалдары бар» шаарчага (Юрий Рерих боюнча кыштак деп аталган) келишип, бир түнөп өтүшкөн. Демек, эпостогу Каракудук топоними бекеринен айтылбайт. Эмне дегенде жалпы эле «Жаныш-Байыш» эпосунда дал мына ушул Чыгыш Түркстандын, тагыраак айтканда, Каракудукка жакын жерлердин аттары берилген. Экспедиция Каракорум тоо массивинен өтүп бара жатканда бийик тоолуу ландшафтты карап туруп айткан Н. Рерихтин сөздөрү ар бир адамдын оюн эпикалык дастандардын дүйнөсүнө көңүл бурдургансыйт: Кара аттардын ачык сары фондо турганы укмуштуудай, анткени алар аябай чоң болуп көрүнөт. Бул жерлерде, Азиянын мейкиндиктеринде алп баатырлар жөнүндөгү дастандар жаралган. Бийиктиктенби, же абанын тазалыгынанбы, айтор, бул жердеги өлчөмдөр аябагандай чоң. Дөбөгө чыгып келген атчан адам дөөдөй көрүнөт, ал эми орточо келген кыргыздын иттери аюудай болуп турат. Бул жерлердин масштабы чоң экен» (Рерих Н. К. Алтай-Гималай, 97-б.). Сүрөтчүнүн бул саптарын окуганда кыргыз жомокчуларынын, ырчыларынын эпостогу каармандарды, жаныбарларды сүрөттөшкөндө, алардын өлчөмүн чоңойтуп, гиперболизациялап көрсөтүү ыкмалары эске түшөт. Кыргыздар көп кылымдардан бери тоолуу жерлерде турушары белгилүү. Ошондуктан биздин акындардын, дастанчылардын адамдар менен жаныбарларга мүнөздөмө бергендеринде алардын көлөмүн чоңойтуп, «апыртып» айтыштары жаратылыштын закондоруна туура келишип эле тургансыйт. Эмне дегенде, таза аба, бийик тоолуу жер адамдын, жаныбарлардын көлөмүн чоңойтуп көрсөтөт экен да. Андай болсо биз жомокчулардын жаратылышты кандай кабыл алышса, негизинен ошондой эле кылып чагылдырып берише тургандыктарын ырастайбызбы?

Эпос тууралуу сөз козгоп калган соң Рерихтин экспедициясынын Манас жана Үрүмчү шаарларын басып өтүп, ал жерлерден кыргыздарды жолуктургандыктарын белгилебей коюуга болбойт. Айтмакчы, бул жерлерде Манас шаарынан башка, Манас деген суунун жана көлдүн аттары, Оронгу деген суу менен Бай деген шаар бар эмеспи. Келечекте «Манастын» персонаждарынын аттары менен аталган бул географиялык объекттерди изилдөө кызыгуу туудурбай койбойт деп ойлойбуз. Рерихтердин «Манас» эпосун изилдегени же изилдебегени бизге белгисиз. Анткени менен Ю. Рерихтин Борбордук Азиядагы этностордун калыптаныш маселесине көп көңүл бурганын айтып кетели. Мисалы, анын «тарса» деген этнотерминге мүнөздөмө бергени «Манас» эпосуна да тиешеси бар көрүнөт. «Манаста» «тарса» элдин аты катары берилген. Алар бөлөк элдер менен катар эпос боюнча Көкөтөйдүн ашына чакырылгандардын арасында аталат:

«Ой жагында тарса бар, Ондон бери парсы бар,

Каптал жакта калча бар, (Олжо берген аларга Кыргыз уулу канча бар)».

(«Манас». Эпос, Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча. 3-китеп. Фрунзе, 1981, 60-б.). Бул саптарда аталган парсы, канча деген элдердин аты бизге белгилүү. Ал эми «тарса» деген элдин атын «Манаска» таянып чечмелөө кыйын, мүмкүн да эмес десек болот. Бирок орто кылымдарда жазылган кол жазмалардагы маалыматтар менен катар Юрий Рерихтин түшүндүрмөсү «Манастагы» тарса аттуу элдин ким экендигин даана чечип берет: «Монголдордун (монголдордун бир бөлүгүнүн түрк элдеринин арасына сиңишип кеткенден кийин пайда болгон этностун аты – И. М.) Империясында несториандарды тарса жана эркегун деп аташкан. Ал эми акыркы этнонимдин келип чыгышын аныктоо кыйын» (Рерих Ю. Н. По тропам

Срединной Азии, 44–45-б.б.). Ошентип, тарса деп монголдор несториандарды аташчу экен. Ал эми ресториандар деген кимдер болгон? Окурмандарга түшүнүктүүрөөк болуш үчүн алар тууралуу бир-эки ооз баяндама берели. Несториандар, бир сөз менен айтканда, христиандар, тагыраак аныктаганда, христиандардан бөлүнүп чыккан өзүнчө бир агым, V кылымдарда Византияда пайда болгон. Несторианствонун негиздөөчүсү Несторий деген адам. Несториандардын айтканы боюнча христиан дининин негиздөөчүсү Иисус Христостун бир мезгилдерде эле адам жана кудай болгону чындыкка жатпайт. Христос адам болуп эле төрөлгөн, кийинчерээк гана ал кудайдын уулу деп саналган. Мына ушул пикирди айткандары үчүн несториандар Несторий баш болуп христиандар тарабынан куугунтукка алынган. Ошондо алардын басымдуу көпчүлүгү Азия өлкөлөрүндө, Орто Азияга чейин качып келишип, өздөрүнүн идеологиясын таратууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Археологиялык жазуулардын негизинде несториандардын Кыргызстандын да территориясында отурукташкандыктары белгилүү болду. Несториандардын таасири көбүнчө Борбордук Азиядагы түрк-монгол элдеринин арасында күчтүү болгон. Азыр да несториандардын колониялары Иранда, Иракта, Сирияда жана Малабарда (Индия) кездешет. Демек, бул айткандарды корутундулаганда, «Манас» эпосунда кездешкен «тарса» жөнүндөгү маалымат анын саптарына жөндөн-жөн кирип калган эмес. Биздин оюбузча несториандар, же тарсалар менен кыргыздар тыгыз маданий байланыштарда болуп турушкан. Мына ушундай процесстерди кыргыздын эпосу өзүнүн «жаргылчагына» тартып, көркөм формада биздин күндөргө чейин жеткизген.

Рерихтер «Манас» эпосун изилдебегендери менен Ю.Рерихтин монгол жана тибет элдеринин эпосу «Гэсэр» жөнүндө айткан ойлору кызыгуу туудурбай койбойт. Ал мындай деп жазган: «Башкы каарманы атактуу Гэсэр деген көлөмдүү эпостун жыйналганы 38 томдон турат» Бизге белгилүү маалыматтарга караганда бул эпос эч качан басылып чыккан эмес, бирок анын кол жазмалары сакталуу жүрөт. Чыгыш жана Түндүк Тибеттеги көчмөн элдер үчүн Гэсэр жөнүндөгү легенда жөн эле жомок эмес. Бул алардын келечекке болгон ишеними, болуп өткөн турмушу. Гэсэрди мактаган убакыт чындыгында ар кандай тарыхый мезгилдерди чагылдырган окуялар» (Рерих Ю. По тропам Срединной Азии, 220–221-бб.). «Гэсэр» эпосу жөнүндө Ю. Рерихтин андан аркы ою да бир кыйла кызыктуу. А. Грюнведель жана Г. Н. Потаниндин Гэсэр жөнүндөгү дастан Александр Македонскийге байланыштуу легендалардын таасири менен жаралган деген ойлорун сынга алып, өзүнүн пикирин берген: «Кай бир авторлордун ою боюнча Гэсэр VIII кылымда Монголия менен Кытайдын чек арасында жашаган жана Сонгцен Гампо менен Трисонг Деңэндердин убагында көчмөндөрдүн күчтүү кол башчысы болгон. Азыр бул жерлер Шэньси провинциясынын составына карайт. II, VIII жана IX кылымдарда Чыгыш менен Борбордук Азияга тибет экспансиясы туура келген. Эпостун өзөгүн дал ушул убакыттар түзөрүн, ага монгол жана тибет мезгилдерине чейинки көчмөндөрдүн эпикалык чыгармаларынан эпизоддор кошулганын өзүмдүн изилдөөлөрүм ишендирди. Гэсэр жөнүндөгү азыркы дастандар кийинчерээк жаралган болуу керек. Бул көчмөн турмуштун поэзиясынын эстелиги, бир нече муун көчмөн уруулардын чыгармачылык мурасы. Дастан Монголияда, ал тургай Борбордук Азиядагы түрк урууларынын арасына кеңири тараган» (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии, 221-б.). Бул сөздөрдүн «Манас» эпосуна тиешеси бар десек болот. Ю. Рерихтин оюн улап айта кете турган сөз: түркмонгол эпосторун салыштырып, тарыхый этнографиялык жактан изилдөө келечектеги иш болот го деп ишенебиз. Ошондо Ю. Рерихтин «Сказание о Линг-Гэсэре» деген авторитеттүү макаласынын пайдасы сөзсүз тийбей койбойт.

Өздөрүнүн саякаттарын Улан-Удэ шаарынан улантып кайра башка жолдор менен артка кайтышарында Рерихтер кыргыздарды Улан-Батордо жана Монголиянын ар кайсы бурчтарынан да көрүшкөн. Буга Юрий Рерихтин жазып кеткен төмөндөгү саптары күбө боло алат: «Улан-Батордо Борбордук Азиянын башка ири шаарларындагыдай эле, кербенчилер өзгөчө бир уюмду түзүшөт. Бул жерден сиздер орустар менен немистерди, француздар менен монголдорду, кытайлар менен Чыгыш түркстандык калмактарды, кыргыздар менен тибеттиктерди, жыйынтыктап айтканда, ар кандай улуттардагы жана ар кыл салттардагы элдерди көрө аласыздар» (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии, 124-б.). Николай Рерихтин өзүнүн күндөлүгүнүн негизинде жазылган «Алтай-Гималай» деген китебинде бардык учурларда эле кыргыздар жөнүндө айтылат. Ошондуктан кай бирде окумуштуу кыргыздарды казактар менен адаштырып алышы мүмкүн деген ой туулат. Деген менен, Юрий Рерихтин ошол эле экспедицияда түзгөн күндөлүгүнүн негизинде жазылган «По тропам Срединной Азии» аттуу китебинде кыргыз, уйгур ж. б. элдердин аттары даана ажыратылып айтылган. Буга далил, Юрий Рерихтин Карашар дарыясынан паром менен өтүп бара жаткандарында байкаганы: «Элдин арасынан Ысык-Көлдүн жанындагы Пржевальск шаарынын кыргыздарын көрдүк» (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии, 90-б.).

Экспедиция ошол мезгилдердеги карапайым эмгекчи элдин оор ахвалда жашап турушкандарын белгилеп кетишкен. Чыгыш Түркстанда кыргыз кембагалдарынын жашоо шарттары башка элдердикиндей эле оор экенин Н.Рерихтин эскермесинен окуса болот: «12-май. Консулдун столунда бир арыз жатат. Кембагал кыргыз мындай деп арызданыптыр: «Үч жыл мурун ал 9 жашар кызы менен бир бай дунгандыкына конгон экен. Бир конгондугу үчүн дунган кембагалдын кызын сураптыр. Кыргыз кембагал кызын бербей койгон соң дунган аны сабап, үйүнөн кууп чыгып, кызын күч менен алып калган экен. Үч жылдан бери кызын бербей жаткан экен»… Иштетиш үчүн, көбүнчө бузук тарбия бериш үчүн балдарды сатып алуу, уурдап алуу, бул жерлердеги адатка айланган көрүнүш. Азиянын борбору менен бүткүл Кытайда адамды сатып жаткан учурда Африкадагы бечаралар жөнүндөгү эки жүздүү конференцияларды уюштуруп эмне кереги бар? Крайдагы бардык иш мекемелер бул кулчулук институтту (институт рабства) билишет, бирок да эч ким аны токтотууну талап кылбайт. Каршылык көрсөтүү жана талап кылуу каякка кеткен? (Рерих Н. К. Алтай-Гималай. 216-б.) Бул маселелер Н. Рерихти аябай тынчсыздандырган. Кийинчерээк башка эмгектеринде да маселени кабыргасынан койгон эле. Мисалы, ал «Сердце Азии» деген китебинде мындай деп жазат: «Ушул адамгерчиликсизди колдогондор жана тараткандар эң эле катуу жазаланышары керек эле. Өздөрү үчүн жана келечектеги муундар үчүн кандай уятсыз иш жасап жатышкандыктарын сезишпегендиктен кийин алардын аң-сезимдеринин өлгөнү ошол» (Рерих Н.Ю. Избранное. – М., 1979, 122-б.).

Маркум академик А. П. Окладников айтып кеткендей «саякатчыларды баарынан мурда адамдын тагдыры тынчсыздандырган». Ырас эле, Рерихтердин бардык эмгектеринде адам жөнүндөгү камкордук даана сезилип турат. Муну биз Юрий Рерихтин жогоруда аталган китебинин бир главасындагы укмуштуу окуялардан улам билебиз. Мында Ю. Рерих 1890-жылдардан 1922-жылга чейин Монголиядагы көчмөндөргө таасирин тийгизип, өзүнүн турмушка көз карашы түшүнүксүз болгон Дэнбэй Жалцзэнь же жөн эле Джа-лама деген адамдын басып өткөн жолун сүрөттөгөн. Джа-лама тибет, монгол, кытай тилдеринде эркин сүйлөп, ал тургай санскрит жана орус тилдерди да билчү экен. Бала кезинен Тибетке көп барып, ал жерлердеги монастырларды да жакшы билген адам экен. Индия, Тибет, Кытай жана Монголия боюнча далай саякат жасаптыр. 1900-жылы ал орустун белгилүү саякатчысы П. К. Козловдун экспедициясына жол көрсөткүч болуп да жалданыптыр. Бирок экспедицияны Тибеттин башкаруучулары Ноомчу деген жерден ары коё бербей жатканда Козлов Джа-ламага алар менен сүйлөшүп бер деп өтүнгөн. Джа-лама макул болуп коюп, өзү эч кимге көрүнбөй качып кетиптир. Кыскасы, кийин ал анык авантюристке айланыптыр. Монголдордун 1911–1912-жылдардагы улуттук-боштондук революциясына жардам берип, көмөк болгону менен далай жолу сөзүнө турбай, бузуку иштерге кирип кетиптир. Кээде ал жүздөгөн адамдарды өзүнүн тегерегине топтоп алып, өткөн-кеткен кербендерди тоногон. Өзгөчө анын адамдарды кыйнап өлтүрүү ыкмасы жүрөк титиретет. Мисалы, Джа-ламанын бир кыргыздын терисин сыйрып кыйнап өлтүргөнү жөнүндө Ю. Рерих минтип жазат: «Көрсө, бийик тоолуу өрөөндөрдөгү Монголиялык Алтайда көчүп жүрүшкөн кыргыздар жайыт талашып бир топ жылдардан бери Джа-лама менен касташып жүрүшчү экен. Акырында Джа-лама кыргыздын аксакалы Хайсанды туткундап алат. Хайсандын үй-бүлөсү аны туткундан куткарып алуу үчүн бир топ кымбат баалуу буюмдарды сунуш кылышканда Джа-лама аны бошотууга макул болуптур. Аксакалдын энеси Джа-ламанын конушуна алтын, күмүш, асыл таштарды жана кымбат баалуу терилерди алып келгенде тигил жылмайып тосуп алып, күтүп турууну сураныптыр. Кемпир менен сүйлөшүп, анын алып келген кымбат буюмдарын карап жаткан мезгилде анын адамдары тирүү Хайсандын терисин сыйрып жатышкан экен. Ошол кыйноого чыдабай Хайсан өлүп калган. Анан сыйрылган терини устунга керип туруп, апасына алып келип беришет. Кемпир акылын жоготот, ал эми жайык беттүү Джа-лама болсо мыйыгынан жылмайып тим болот. Монголиялык Алтайдагы көчмөндөрдүн эсинен ушул кезге чейин кетпеген Джа-ламанын  жасаган  эң коркунучт уу иштеринин  официалдуу  версиясы  мына ушундай» (Рерих Ю. Н. По тропам Срединной Азии, 152-б.).

Борбордук азиялык экспедициядан кийин Н. К. Рерих Индиянын Кулу өрөөнүндө комплекстүү илимий изилдөөлөрдүн эл аралык Гималай институтун ачкан. ‹Урусвати» – кыргызчага которгондо, «Таңкы жылдыз жарыгы» аттуу институттун иштеши Николай Константиновичтин көптөн бери эңсеп жүргөн оюнун ишке ашышы эле. Бул институт бүт дүйнө жүзүнүн прогрессивдүү окумуштууларынын Гималайдагы элдердин тарыхын жана маданиятын, айбанаттар менен дүйнөсүн изилдөөдөгү аракеттерин бириктирген илимий ыкмаларга айланган. Анын биринчи деректири болуп Юрий Рерих дайындалган. Бул кызматта ал талыкпай эмгектенип келген.

Кыскартып айтканда, Рерихтердин Борбордук Азиядан чогулткан материалдары жана жалпы эле бизге жеткен чыгармачылык мурастары Чыгыш элдеринин алардын ичинде кыргыздардын да маданияты, тарыхы, тили, философиялары боюнча баалуу булак болуп эсептелет. Алардын эмгектери XX кылымдын башында кыргыздардын кайсы жерлерде жашаганын билгизе турган баалуу булак. Ошону менен катар эле алардын чыгармачылыгы айрым окумуштуулар тарабынан: «Кыргыздар Тибетке чейинки Борбордук Азиянын түпкүр жерлери менен жакшы тааныш болушкан», – деп айткан ойлорун бышыктагансыйт. Корутундубузда айтып кете турган нерсе – Рерихтердин гуманитардык илимдердин көп кырдаалын камтыган эмгектеринин бир далайы илимий изилдөөлөрдө керектүү деңгээлде пайдаланыла элек. Буга бир себеп, алардын илимий иштеринин көпчүлүгү чет тилдерде жарыяланганы жана бүт дүйнөгө тарап кеткенинде. Мисалы, Н. К. Рерихтин сүрөттөрүнүн саны 7 миң дешкени менен эч качан мындай сандагы сүрөт бир көргөзмөгө топтоло элек. Бирок ал ушунча сүрөт тартканы чын дешет. Изилдөөчүлөр Н.К. Рерихтин адабий мурасынын да топтоло электигин белгилеп жүрүшөт. Өзгөчө анын философиялык мүнөздө жазылган ырлары толугу менен жарык көрө элек. Мүмкүн, ал ырларында кыргыздар жөнүндө да жазгандары бардыр? Анткени Н. К. Рерихтин тарткан сүрөттөрүнүн тизмесинен (каталогунан) кыргыздар тууралуу 2 сүрөт бар экенин таптык. Сүрөттөр 1925–1926-жылдары тартылып, «Кыргызский мазар», «Кыргызский аил» деген аттар менен белгилүү. Каталог боюнча бул сүрөттөр Америкадагы жеке менчик коллекциялардын биринде, бирок тилекке каршы, кимде экени али белгисиз. Бул сүрөттөр Рерихтердин 1925–1928-жылдардагы экспедициясынын убагында тартылганында күмөн жок. Жогоруда айтылгандай, дал ошол 1925-жылдын аягында, 1926-жылдын баштарында алар кыргыздардын айылдарынан өтүшкөн эмеспи. Юрий Рерихтин эмгектери толук жыйнала элек. Бирок анын көлөмдүү китепканасы азырынча СССР илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда окумуштуунун өзү иштеген кабинетинде сакталып турат. 1986-жылы кабинеттеги Юрий Рерихтин китептеринин тизмесин карап жатып, кыргыз тилинде жарык көргөн кыргыз фольклору боюнча 2 китептин атын таптык. Мүмкүн, Юрий Рерихтин калтырып кеткен чыгармаларында кыргыздар тууралуу али биз билбеген материалдар калтырып жаткандыр.

Аларды таап, коомчулукка жеткирүү келечектеги иш.

И. П. ЮВАЧЕВ

КУРМАНЖАН ДАТКА АЛАЙЛЫК  КАРА КЫРГЫЗДАРДЫН КАНЫШАСЫ

                                                                                           I

Ошол мен Оренбургдан чыгып, Азияга бут койгон 1907-жылдын 1-февраль күнү «Алайдын канышасы» Курманжан датка көз жумду. Менин Курманжан датка жөнүндө кабарым деле жок болчу, Ташкендеги анын өлүмү жөнүндөгү сөздөрдү анча таңазарыма албапмын.

Түркстанга барганымда Алайга да бармак болгом, бирок «Алайдын канышасы» туурасында сурамжылап билип коюш оюма да келген эмес экен. Түркстанга баргандарды кызыктыра тургандардын бири болсо эле бухар эмири болчу. Мен чу дегенде эле Бухарага бет алдым да, февралдын аягында гана темир жолду бойлоп көк мелжиген Памир тоолорун көздөп чыгышка жол тарттым.

Жол боюндагы Каттакурган, Самаркан, Жизак шаарларына токтоп олтуруп, Черняевден ат жалдадым да, Бухара, Кокон хандыктарын чабыштырып келген Уратөбөгө жеттим.

22-февраль түнү келип түшкөн Ходжент да мени кызыктырды. Эл алигиче укташа элек экен. Колу-буттарын төшөккө катышып, топ-тобу менен отту тегеректеп көк чай ичип же чылым соруп кийиз үстүндө олтурушуптур. Жомоктогудай бүлбүлдөгөн шамдардын жарыгы түшкөн ушул сүрөт алигиче эсимден чыкпай калыптыр. Мен эч жерден Ходженттегидей чыгыштын кайталангыс каадасалттарын көргөн эмесмин. Айтмакчы, мен Ходженттен жомокчу-маддахты да угуп калдым. Базардын бир жагын чайханалар ээлептир, кийиз салынган кенен тапчандарда селде оронушкан сарттар каада күтүшө чынылардан чай ичип олтурушат. Базардын бир топ жерине таар төшөлгөн экен, анын ортосундагы чечен чогулган көп элге колдорун шилтегилеп бирдемелерди кызуу айтып жатат. Четте олтурган бир жаш жигит: «Туура!.. Ошондой!.. Бали!.. Дагы улай түш», – деп кыйкырып алынын жетишинче сүрөп жатты. Кийин билсем чечендерди минтип кыйкырып сүрөп туруш Түркстанда илгертен келаткан каада экен.

Үч күндөн соң бул жерде ыр-чоору, ат чабышы менен, Россиядан атайлап келген цирк оюн-шоогу менен «жаз майрамы» – сейил болуп өттү. Бирок түркстандыктардын негизги ойну улак тартыш болот экен. Биринен бири өткөн мыкты аттарга минген жигиттер ортодогу улакка ат коюшуп, ар кимиси илип кетүүнүн амалында болуп жатышты. Улакты белгиленген жерге алып барып ташташ үчүн өзгөчө бир шамдагайлык, күч, амал-айла керек. Улакты алып барып таштаган кишиге чапан жабылып, улактын этин ошол жердеги кадырман адамдарга бөлүп беришет экен. Хандык өкүм сүрүп турган учурда улакты көк бөрүчүлөргө беришчү экен, кийин аны орус админис трациясы токтотуп коюптур.

Ходжентте каада-салттар өзгөчө жакшы сакталыптыр. Кийинки биз барган хандыктардын борбору болуп жүргөн Кокондо орустар менен Европалыктардын үстөмдүгү кадимкидей эле сезилип турат. Бул жердеги ызы-чууга түшкөн соода-сатыктан биз ойлоп жүргөн чыгыш турмушу көзгө элестебейт. Жада калса татынакай хан сарайын да офицерлер ээлешиптир, жомоктогудай гүлзарлардын ортосуна да кампалар, чиркөө салыныптыр. Бийик дубалдар менен курчалган сарай ичин бүт орус аскерлери ээлеген. Түркстандыктар айткандай Кокон чын эле жөөттөрдүн шаарына айланып кетиптир. Жибек жана пахта менен болгон соода бул жакка көптөгөн шылуун жөөттөрдү алып келген экен. Кокондун өзүнүн илгерки жөөттөрү да баш көтөрүп алышыптыр. Мурун алардын жашоо-турмушу өтө начар эле дешет. Алардын граждандык укуктарынын чектелүүлүгүнөн селде чалынганга да, чаар чапан кийгенге да, түр белбоо курчанганга да, ат мингенге да болгон эмес. Орустар бийликке келгенден кийин алар аябагандай эле эркиндик алышыптыр. Бухарадагы жөөттөр келгенде тез тирленип байышыптыр да, соода иши бүтүндөй алардын колдоруна өтүптүр.

Кийинки Чуст, Наманган, эски Маргалаң деген шаарлардын ичинен чоң базары бар эски Маргалаң гана анчамынча азиаттык шаар деп айткандай.

Мен түшкөн поездге Мекеден келаткан зияратчылар да түшкөн экен. Аларды ар бир станция сайын чогулган көп эл тосуп алып жатты. Поезд токтору менен элдин баары тең вагонго чуркашып, Мекеден кайтып келаткан жердештерин кыйкырышып куттуктап жатышты. Аларды жерге түшүрбөй эле атка же арабага чейин көтөрүп алып кетишет. Чогулгандардын баары тең зияратчы-ажынын бир жерине колдорун тийгизип калууга жанталашып жатышты. Ага жакыныраак тургандары көктөн кудай түшүп келгенсип ажынын колун, чепкенин өпкүлөшөт.

Хан сарайында жашагандардын арасындагы кошоматтыктын, эки жүздүүлүктүн канчалык экени белгилүү го, бирок бул жердеги Мекеге барып, ал жердин ыйык суусун ичип, ыйык жерин басып келген бактылуу мусулманга болгон урмат-сый мага чын дилден көрсөтүлүп жаткандай эле болду.

Ферганада да ыйык жайлар аз эмес. Сиздерде бул жерде Енох, Ной, Иов, Давид, Соломон жана башка тоораттагы каармандар өңүндө айтып беришет да, Фергананын кай жеринде кимдин чокунганын, кимдин кай жерде көмүл гөнүн көрсөтүп беришет. Маселен, бул жердеги Соломондун тоосу – Сулайман тоону көрсөтүшөт. Бул Ош шаарынын четиндеги анча деле чоң эмес тоо. Жергиликтүү элдин айтымына караганда Адам, Ной, Авраамдардай эле пайгамбар делген Соломон падыша алдына соко чеккен эки өгүздү салып аскерлери менен келатыптыр. Ушул тоого жеткенде «хошь!» – «Болду жетет» деген экен. Шаар ошондон улам Ош болуп калган дешет. Сулайман тоого Фергананын кыштактарынан гана эмес, бүтүндөй Түркстан жергесинен мазарларга сыйынып, оору-сыркоосунан айыгыш үчүн эл агылып турат. Кээлери тоо чокусундагы чуңкурга башын койсо, кээлери көчүгү менен тоо ылдый сыйгаланып түшүшөт, кээлери оорусунан айыгып кетиш үчүн үңкүрдөгү сууга жүз чайышат.

Үчкоргондун жанында кыргыздар аябай ыйык туткан Дауддун-Мазарынын (Давиддин) мүрзөсү бар. Каламсарыкта Енохтун чокунган жерин, Ыдырыс пайгамбарда болсо – жөөттөрдүн айтымына караганда анын жаны көккө учуп кеткен дешет, анын мүрзөсүн көрсөтүшөт.

Азыр санитардык станция турган минералдык сууларга бай Аюу тоодо көп азап чеккенде ага Теңир оң бутуң менен ташты теп деген дешет. Иов тебээри менен жерден ысык суу атып чыга баштаптыр. Сол буту менен тепкен экен, муздак суу атып чыгыптыр. Иов ысык сууга түшүп, муздак суудан суусуну кангыча ичип аладан таптаза айыгып баса бериптир.

Ушул сыяктуу көптөгөн уламыштар жергиликтүү элдин тоораттагы тарыхты ыйык көргөндүктөрүн, көпчүлүгүн өзүлөрү да биздики дешкендей кылып айткандарынан кабар берет.

Жаңы Маргалаңда Фергана облусунун аскер губернатору менен жолугуштум. Андан да «Алай канышасынын» өлүмү жөнүндөгү кабарды уктум.

  • Курманжан датка эмнеси менен белгилүү? – деп сурадым.
  • Ошко келээриңиз менен уезддин начальнигине жолугуңуз. А киши датканын балдарын чакыртып берет, ошентип Курманжан датка туурасында алардын өз оозунан угасыз.

«1902-жылы болгон катуу жер титирөөдөн оңоло элек Анжиян шаарынан 15-март күнү кечинде ат минип 45 чакырымдай жердеги Ош шаарына жол тарттык. Жаратылыштын жылдын бул мезгилиндеги кызыгы көп. Кырк градус параллелинде турган бул жердеги март айында жадыраган эле жаз болуп турат. Күн Санкт-Петербургда июнь айында көтөрүлгөндөй эле көтөрүлөт, бул жерде Тифлис, Константинополдор менен бир кеңдикте жайгашкан. Жаратылыштан эмнелерди көрүүгө болот? Кардын кеткени деле көп болгон, бирок кылтыйып чыккан көк да көрүнбөйт. Жер ачуу тийген күнгө саргарып куйкаланып кеткен, бак-дарактар бүчүр жарбай карайып турушат. Тегеректе дыңылдаган аары, чымын-чиркейдин үнү угулбайт. Эч кыбыраган жан жок өлүк өлкө сыяктанат! Түшкө жуук күн тим эле кадимкидей куйкалап кирет. Эгер былтыркы саргайып куураган чөп болбосо, мобул көккө бой керген шыңга теректер болбосо, бул жердеги жаратылыштын мындай түрүн түшүнсө болор эле. Бирок Ферганада дайыма мактаныч менен айтылган дүр-дүйүм өсүмдүктөрдүн бар экенин көрүп турбайсыңбы. Бул күн нуру куйкалаган кыбыр эткен жансыз өлүк талаа азыртан эле кар алдынан кылтыйып көрүнгөн гүлдөр менен көк чөптөргө жедеп көнүп бүткөн түндүктөгүлөргө жаман таасир бербей койбойт.

Ошко бараткан жолдо бөксө тоолор, кез-кез жерден айыл-кыштактар кездешет. Алды жагыңдан, жан-жагыңдан ак кар баскан Тянь-Шань тоолору калдайып көрүнүп турат. Мынакей жолубузда адырлар жатат. Эми аны айланып өтүүгө туура келеби? Жок, араба айдаган кыргыз коктунун ичин эки-үч жолу айланды эле алеки заматта адырлардын бетине чыгып кеттик:

Күүгүм түшүп, төбөбүздөн толгон ай жаркын чыкты. Кадимкидей эле салкын түшүп калды. Кыштактардагы оттор акырындап өчө баштады. Тоолор эмнегедир жолго чукулдап келип калышты. Мемиреген тынчтык менен таза абага мас болуп арабанын ичинде үргүлөй баштадым. Ошко түн ортосунда келип, шаардын чоң көчөсүнүн ортосундагы мейманканага токтодум. Конок үйүнүн бөлмөлөрү таза экен.

Таң эртең менен туруп алып шаарды кыдырып чыктым. Чиркөөнүн артында чоң аянт бар экен. Калган жердин баары тең эле өкмөттүк, аскердик имараттар болуп чыкты. Тоодон күпүлдөп агып түшкөн Ак-Буураны жээктеп бак-шак тигилиптир, алар деле Анжиян бактарындай болуп каркайып жылаңач.

Ак-Буурага жыгач көпүрө салыныптыр да, жээгине таш, топурак төгүлүп кырдалып коюлуптур. Ар кайсы жерлердеги плотиналар менен дубалдар бул жерде суунун кандай кирээрлигинен кабар берип турат. Жазгы кирген суу Ак-Бууранын көпүрөсүн алып кетпеген жыл болбосо керек. Эми кессондук көпүрө курмак болушуптур.

Мени сайы ташка толгон дайранын аркы жээгиндеги уезддин начальнигинин чоң паркына жиберишти. Анын кенен-кесири салынган үйү тоо бетиндеги ажайып токойчодо жайгашыптыр. Көркөмү келишкен бул жерди бир кездеги кокон хандарына тиешелүү жер болчу дешет. Бияктан Сыр дарыянын баш жагындагы өрөөн бүтүндөй көрүнүп турат. Түндүк тарапта, Жети-Суу облусунун чегинде асман тиреген Тянь-Шань тоолору. Бири-бирине учкашып олтурушуп чыгыштагы Кашкарды көздөй созулуп кетишет. Түштүктө болсо ак кар, көк муз жамынган Алай тоолору. Батыш тарапта болсо Араван тоолору каркаят. Дайранын аркы өйүзүндө шаар жатат.

Уезддин начальнигинин үйүнүн жанынан жаңыдан кылтыйып чыгып келаткан көк чөптү көрдүм. Арасында сары, көк, кызгылт гүлдөр көзгө урунат.

Биз парк менен Фергана облусунун биринчи губернатору Михаил Дмитриевичтин чатыры тигилген жар түбүндөгү түзөңгө – «Скобелевдин аянтына» чейин бардык. Бул жерден Ак-Буура алкынып аккан өрөөн ого бетер жакшы көрүнүп турат экен. Көк асман ар тараптан ак кар, көк муз баскан чокуларга илинип турат. Өрөөн ичинде, тоо беттеринде чөп дүрүлдөп өсүп чыккандагы бул жердин керемет сүрөтүн көз алдына келтирдим.

                                            II

  • Эми Курманжан датка жөнүндө эмне айтып бермекчисиз?
  • Сизге ал туурасында капитан Авров менен анын уулдары жакшы айтып беришет.

Ээрчишип алып Ош уездинин коён жатагына чейин билген капитандыкына келдик. Мергенчилик десе ичкен ашын жерге коё салган капитан жерлик кыргыздарга кошулуп алып киши буту баспаган, эчки-теке, аркар, кулжа батпаган жерлерге далай ирет барып келген. Капитандын үйү толтура эле жан-жаныбарлардын мүйүзү, азуулары, кеби экен. Ушул кийик, аркар, элик, камандардын бардыгы тең анын Алай тоолорунун коён жатагына чейин билээрин айтып турат.

Кечинде капитандыкына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чакырылды. Коноктордун ичинен көңүлүмдү Курманжан датканын уулу Махмудбек бурду. Ал орустузем мектебинин мугалими, котормочу Жамшитбекти ээрчитип алып Оштон 13 чакырымдай жерде турган Мады кыштагынан келиптир.

Махмудбек жүзүнөн кан тамган, каттай кийинген чепкендеринен улам ого бетер толук көрүнгөн киши экен. Башында саймалуу тебетей. Анын сатинден тигилген чепкен кийип келгенине караганда капитандыкында сый коноктордун болорлугун билбесе керек деп ойлодум. Орусча үч-төрт эле сөз билет экен. Элдин сөзүнө кошулбай жалдырап олтуруп калып жатты. Котормочу (Жамшит жакында эле өлгөн Карабектин уулу Махмудбекке тууган болуп калат) аркылуу берилген суроолорго ал илгиртпей үнүн бек чыгарып жооп берип олтурду. Элүү тогузга келип калганы менен тышынан бир топ эле чырымтал көрүнөт. Анын өзүнүн тагдыры да кызык экен. Азыр жөн гана көчмөн-кыргыз өңдүү жашайт дешти. Кокон хандыгынын мурдагыдай Алайга таасири болгондо Махмудбек кара-кыргыздардын баарын башкарып, колунда датканын чексиз укугу болмок.

Махмудбек жөнүндө айтардан мурун Курманжан датка туурасында капитан Авров экөөнөн укканымды айтып бергим келет.

Курманжан 1811-жылы Оштун чыгыш тарабындагы гүлчөлүк кара кыргыздардын ичинде туулган. Анын атасы Маматбай монгуш уруусунан чыккан, туугандарынан байлыгы менен деле, кадыр-баркы менен деле эч айырмаланбаган карапайым киши болгон. Он сегизинчи жылы Курманжанбүбү Маматбаева юваш («убаштыр» – кот.) уругунан чыккан Кулы-Садь-Яровго (туурасы Кулсейит Жаровдур – кот.) турмушка чыккан.

Бул жерде кара кыргыздар жөнүндө айтып кетүү керек. Кыргыздар чоң ордо, орто ордо, кичи ордо деп бөлүнүшкөндөн тышкары да, кыргыз-кайсактар же казактар жана кара-кыргыздар деп бөлүнүшөт. «Казактар» муундан-муунга келаткан ак сөөктөрүбүз (аристократтар) бар деп сыймыктанышат. Алардын хандары менен бектери «ак сөөктөргө» кошулушат да, калган кара таман калк «кара сөөккө» кирип кетет. Кара кыргыздарда андай бөлүнүп-жарылуу жок болгон. «Казактар» алардын антип бөлүнбөгөнү үчүн «кара» деп шылдыңдашып, түп-жайын калмактардан чыгарып келишкен.

Курманжандын биринчи жолу күйөөгө чыкканы туурасында мусулман аялга мүнөздүү эмес көп сөздөрдү айтып жүрүшөт. Азиянын көп элдериндегидей ата-бабадан келаткан салт менен Курманжанды бала кезинде эле кудалап коюшкан. Курманжан күйөөсүн той болгон күнү көрүп, ушундай күйөө бала тапкан ата-энесине аябай нааразы болгон. Курманжандын Яровдун аялы деген аты эле болгон, ал ошол үч жыл бою атасынын төрүндө олтурган. Биз илгертен эле мусулман аялдарын күйөөсүнүн кыңк этпес күңү катары көрүп келгенбиз, а Курманжандын болсо ошондо эле өз алдынчалыгы сезилип турат. Ал күйөөсүнө баш ийип бермек тургай кайра күйөөсү менен ажырашуу үчүн жол издей баштайт. Эгер кыргыз аялынын жашоо-турмушу менен тагыраак тааныша келсек мунун баары түшүнүктүү болуп чыга келет. Адатта Түркстандагы мусулман аялдарынын эч кандай укугу болбойт. Аларды күйөөлөрү пулга алган оокат катары көрүшөт. Күйөөсү аялын башка кишиге көрсөтпөйт. Аял киши тышка чыгып калса бетин кара чүмбөт менен, башынан аягына чейин паранжы менен жаап алышы керек. Паранжынын артындагы жерге жете чубалган узун жеңдер кошоктолуп байланып коюлат. Паранжы бир көргөн кишинин көзүнө өтө эле өөн көрүнөт. Кыргыздардын аялдары тышта болобу, үйдө болобу өз каалаганындай жүрө берет. Ал жүзүн бирөөдөн эч качан жашырбайт. Кийген кийимдери да кудум эле эркектердикиндей: ийиндерине чаар чапан жамынышат, баштарында болсо ак элечек. Бир болгон айырмасы аялдар элечекти ээк алдынан байланып алышат. Кыргыз аялы ат үстүндө эркин жүрөт, чарбачыл, конок-кечени жайдары тосуп алган үй ээси. Кыргыз аялы коомдук иштерге катышкан мисалдар да болгон.

Кара кыргыздар көз каранды болуп турган Кокон хандыгы бириндеп чачырай баштаган мезгилде Алай акими, датка кылып хан дайындаган Алымбек өзгөчө бөлүнүп турган. Алымга акылдуу, жандуу Курманжан жакчу. 1832-жылы ал Курманжанды күйөөсү менен ажыраштырып, ага үйлөнгөн. Курманжан Алымбекти өлтүрүп кеткичекти жеңилин жерден, оорун колдон алып 29 жыл чогуу жашаган. 1845-жылы гүлчөлүк кара кыргыздар менен алайлык кара кыргыздарда козголоң болот. Кокондук миңбашы Мусулманкул аскерлери менен Ош шаарына кирип, көптөгөн кыргыздарды туткундап алат. Алымбек Курманжандын акылы, жөн билгилигинен гана ошол кездеги Кокон хандыгынын төбөлдөрүнүн колунан кутулуп кетет.

Алайдын жапайы тоолорунун эркин көчмөндөрү, өздөрүнүн ээн-эркин мурдагы жашоосун унута элек каракыргыздар биринчи мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, жүрөктөрүнө чийки майдай тийип бүткөн Кокон хандыгынын чеңгелинен кутулуп чыгыш үчүн ашыгышат. 1847-жылы Кожотөрө Кашкар тагын талашып, Ферганада кол чогултуп Гүлчөнү көздөй бет алганда Алымбек да өз кыргыздарын ээрчитип ага кошулуп жөнөгөн. Ошондон көп өтпөй эле алар Кашкарды кытайлардан тартып алышат, бирок Кожотөрө бийликте көп олтурбай качып кетет. Алымбек да өзүнүн кыргыздары менен Алайга кайтып келет. Кытайлардан корккон кашкарлыктар аларды кошо ээрчий келишет. Терекдаван ашуусунда көз ачырбаган катуу бороон-чапкын болот. Январь айы болчу. Көптөгөн эл өлөт, көбү ачкадан кырылат. Элдин оокат-жайынын баары жолдо таланып кетет. Аман калган кашкарлыктар тамак сатып алыш үчүн Ошто кыздарын эки сомго сатышат.

В. Н. Наливкин жазган Кокон хандыгынын тарыхында Алимбай (же Алимбек) Анжиян акими же болбосо Анжиян вилайетинин башкаруучусу деп жазылган. Ошол кезде улам бир шаарды каратып алып түндүктөн орус аскерлери келаткан. 1860-жылы күзүндө Миляхан өзүнүн сарттарына орустарга каршы чыгууга буйрук берет. Аларга Алымбек башында турган кара кыргыздардын отряды кошулат. Кышкы суук күчүнө кирип турган мезгил эле. Сарттар тоңуп, ачкадан өлө баштайт. Ошондо Алымбек өзүнүн кыргыздары менен Анжиянга кирип кетет. Милляхан кийинки жылы да орустарга каршы камдана баштайт, бирок кыргыздар кошулуудан таптакыр баш тартышат. Хан Алымбекти кармап келүү үчүн кишилерди жиберет, бирок ал Гүлчөдөн аркы жаткан тоолорго качып кетет. Баргандар анын оокат-жайын гана олжолоп ке лишет.

Алымбекти баласынын айтуусуна караганда 1861жылы болгон Кокондогу чоң козголоңдун учурунда өлтүрүп кетишкен. Башка маалыматтарга караганда ага 1863-жылы уу берип өлтүрүшкөн.

Элүү жаштагы Курманжан жесир калат. Кара кыргыздардын козголоңунан корккон Кокон бийлиги андан Алымбектин киши колдуу болуп өлгөнүн жашырып коюшат. Бул туурасында ал кийин гана угат.

Кокон ханы Худоярды (Кудаяр) колдош үчүн бухар эмири Саид Музаффар Эддин аскерлери менен Ошко чейин бир каптап өтөт. Ал жерден Саид Музаффар Эддин Курманжан экөө таанышып калат. Кара кыргыздардын ичиндеги Курманжандын кадыр-баркын билген эмир мусулман салтына туура келбесе да ага датка деген ардак наам берип, белек-бечкек менен кадырлап сыйлайт. Алымбектин улуу уулу Жаркынбай өзүнүн атадан калган даткалык наамын өгөй энесине туура көрөт. Анын өзүн 1864-жылы Оштун акими кылып дайындашат.

Ошол кезде орус аскерлери улам жакындагандан жакындап келе берет. Сыр дарыянын жээгин бойлоп жашаган мусулман эли бүт бойдон генерал Черняевге каршы көтөрүлүшөт, бирок өздөрүнүн жылаңач баатырлыгы менен орус куралына каршы эчтеке кыла алышпайт.

Орустар менен болгон кармаштардын биринде Жаркынбай окко учат.

Түркстан үчүн ушундай чакчелекей мезгилде кокондук Кудаяр хан кайрадан такка минет. Курманжан Коконго шашып келет. Хан анын даткалык наамын дагы бир жолу ырастайт. Оштун акими кылып өлгөн Жаркынбайдын ордуна анын улуу уулу Абдылдабекти дайындайт.

                                                   III

Кара кыргыздар, коңшулаш элдер акылдуу, иштерман датканы даңкташып, өзүлөрүнүн арасында болгон талаштартыштарды чечүү үчүн анын боз үйүнө келип турушат. Кокон хандыгы ыдырап турган ушундай беймаал мезгилде эркиндикке көнгөн көчмөндөрдү башкарып туруш үчүн өзгөчө бир жөндөм керек эле. Орустар Ташкенди, Ходжентти, Уратөбөнү каратып алышат. Кокондун өзүндө болсо хандардын бири кетип, бири келип турган учур. Молдо, эшен, думаналар элди капырларга каршы ыйык согушка (газават) үндөп турушат. Жардамга бухар эмири чыгат да, Жизак, Самаркан, Каттакургандарды таштай качып, ал да орус замбиректеринин алдында алсыз болуп чыга келет.

Акыры, 1875-жылы Кокон хандыгы кулайт да, Сыр дарыянын өрөөнү бүт бойдон орустардын колуна өтөт. Кокон хандыгынын так талашуучуларынын акыркылары Насреддин менен Пулатбектин бирөөн Кокондо, бирөөн Маргалаңда дарга асышат. Кыпчактардын эр жүрөк кол башчысы Аптабачаны колго түшүрүп алышат. Пулатбек тарабындагы көчмөндөрдүн дагы бир кол башчысы, Курманжандын улуу уулу Абдылдабек Алайга чегинет. Кара кыргыздар бороон-чапкындуу куш учуп өтө алгыс көк мелжиген ашуулары бар аска-тоолоруна ишенишет. Алай менен Памирдин эли жүргөн жерге орустар кайдан жете алсын деп ойлошот. Эмне болсо да алысыраак бололу дешип алайлык, гүлчөлүк кыргыздар жогорулап көчүп кетишет. Курманжан болсо Кашкардын чек арасына жакын Көксууга көчөт. Анын баатыр уулдары Алайга орустарды киргизбеске шарт кылышат. Алар кол чогултушуп, негизги-негизги дешкен ашуулар менен капчыгайларды ээлешет.

1876-жылы Ошко орус армиясынын жаңы чыгып келаткан жылдыздарынын бири М. Д. Скобелев келет. Кыргыздар киши эмес чычкан өтө алгыс Жаңы-Арык коктусун ээлешет. Анын үстүнө аларды тоо дайрасы да коргоп туруучу. 25-апрель күнү алар түндүктүк баатырлардын «бүркүттөрдүн уясын» кантип алууну билишкендерине карабай Скобелевдин отрядына катуу каршылык көр сөтүшөт.

Кыргыздардын кол башчысы, Курманжан датканын улуу уулу Абдылдабек капчыгайда өзүлөрүн коопсузбуз деп эсептечү. Ошол жерлерден азыр да үйдөй таштарды, жарым-жартылай бузулган чептерди көрүүгө болот. Бирок кыргыздардын ичинен да орустарга айланып өтө турган жолду көргөзүп берген чыккынчысы Иманкул чыгат. Скобелев кыргыздардын чебин оң жагынан айланып өтүү үчүн майор Ионовдун отрядын жиберет.

Курчоого алынган кыргыздар чебин таштай салышып, Алай тоолоруна бет алышат. Түмөндөгөн малдар жолдо калат, Абдылдабек Кызыларт ашуусун көздөй алат да, Памир тоолоруна жашырынат. Анын артынан князь Витгенштейн түшмөк болот, бирок аз эле жерден Каракөлдүн жанынан өлүп кала жаздайт.

Эл ичиндеги датканын кадыр-баркын жакшы билген Скобелев майор Ионовго Курманжанды таап, сүйлө шүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырат. Көп кыйынчылыктардан кийин Ионов Курманжанды анын бир тууганы Исмадиар байдын боз үйүнөн табат. Датка генерал Скобелевдин өзү менен жолуктурууну суранат. Бирок камакка алышпаса, басмырлашпаса гана бара тургандыгын айтат. Ионов датканын койгон шартына макул болуп, убадасын катуу берет. Датка майордун сөзүнө ишенип, топ кыргыздын коштоосу менен «орус падышасынын башкы генералынын» турган жерин көздөп бет алат.

Скобелев «Алай канышасын» (Курманжанды орус офицерлери ушинтип аташа турган) урматтап тосуп алат. Аны генералга уулу Камчыбек менен небереси Мырзапаяс коштоп келет. Скобелев котормочу аркылуу датка менен көрүшкөнүнө курсант экенин айтып, Алай кыргыздарынын арасындагы анын кадыр-баркын өзгөчө белгилейт да, элди Россия тарабына өтүүгө үндөөнү суранат. Генерал анын уулдарынын эр жүрөктүгүн мактап, эгер алар Алайга келип тынч жашашса, эч кимисине тийбөөгө убадасын берет.

Чыгыш элинин илгертен бери келаткан салты менен Скобелев датканын урматына дасторкон жайып, өз колу менен парча чапан кийгизет.

Жеңилген кыргыздардын жол башчысына орустардын койгон талаптарына макул болбостон башка эч айласы калбайт.

Ушуну менен кара кыргыздардын өз эркиндиги үчүн болгон күрөшү токтойт. Датка мындан аркы кан төгүшүүнүн кажаты жок экендигин түшүнөт да, колуна курал алгандардын бардыгы айылдарына тынч келе беришсин деп кабар айттырып, бүт Алайга кишилерин чаптырат. Ал балдарын да айылга келишин, тынч оокат кылуусун суранат. Анын үч уулу – Махмуд, Хасан, Батыр энесинин тили менен Ош уездине кайтып келишет, ошол кезде крайдын начальниги болуп калган генерал Кауфман алардын баарын болуш кылып дайындайт. Алай акими Алымбектин улуу уулу Абдылдабек капырларга баш болуш болуп, үй-үйдөн орус казынасы үчүн салык жыйгысы келбейт. Ал Памирден Ооганстанга ашып түшөт, ошол эле жылы Мекеге ажылыкка жөнөйт, бирок жолдо каза болот. Кыргыз элинин каада-салты боюнча Абдылдабектин сөөгүн Алайга алып келишет да, Гүлчөдөгү тууган-уруктарынын жанына чоң сый-урмат менен коюшат.

Оштун биринчи уезддик начальниги же акими болуп майор Ионов дайындалат. Курманжан датка аны менен тез-тез кездешип турат, кийин экөөнүн мамилеси датка өлгүчө үзүлбөй, достор бойдон калышат.

Курманжанга Россия төбөлдөрү жазган бир кучак кат Махмудбекте азыр да сакталуу. Андагы каттын көбү досу, аскер губернатору Ионовдон. Ал каттарды окуп олтуруп, алар далай жолу бир-бирине белек-бечкек, фотосүрөттөрдү тартуу кылышканын билүүгө болот.

Түркстандагы орус бийлигинин өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгы «Алай канышасына» көңүл бөлүшүп, жазган каттарында же жолугуп сүйлөшүү учурларында аны мурдагысындай эле датка деп урматташкан. Мисалы, ал 1892жылы Гүлчө чебинде генерал-губернатор барон Вревский менен кездешкен. Сексендеги кемпир генерал-губернаторго жолугуш үчүн сексен чакырым жердеги жайлоодон атчан келген. Парча менен тышталып, чеке-белине кундуз кармалган ичикчен Курманжан генералдыкында жаш агып шоролонгон көздөрүн улам-улам жеңи менен аарчып коюп, алдындагы отургучка көп көнө албай отурду. Барон салт боюнча даткага парча чапан кийгизет. Датка генералдардын чакырыгы боюнча келген сайын алардын алдына ак боз ат тартуу кыла турган. Бирок алар дайыма даткага ыраазычылыктарын билгизишип, белектен баш тартышчу.

Курмажандын куюлушкан сөздөрүнөн тунук акыл, элчилик жөндөм сезилип турчу. Карып калганына карабай анын көздөрүнөн от чачырап, азыр деле бөлөк аялдардан бөлүнүп жакшынакай эле.

1893–1895-жылдары жашы бир топко келип калган датка башынан бир топ оор мезгилдерди өткөрөт.

Алайдын тоолук бүркүт-кыргыздары илгертен эле жырткыч келишчү. «Асман чатырынын» (Памир) «көк мелжиген тоолоруна» («Алай – Тянь-Шань тоо тармактары) чыгып кетишип, алар жакынкы тоолордогу өз олжолорун күтүп жатышчу. Чыгышта кытай Кашкары, батышта бухар Дарвазы менен Каратегини, түндүктө берекелүү Фергана өрөөнү керилип жатат. Барымта ала турган жерлер көп. Орустардын келиши менен бул жорук бир топ эле тыйыла түшөт. Аскер отряддары кербен өтө турган жолдорду катуу көзөмөлгө алып турушат. Ошондо кыргыздар контрабандалыкка өтүшөт.

Датканын уулдарынын бири, мүнөзү өтө эле курч Камчыбек Кашкардын чек арасы аркылуу контрабандалык товарларды өткөрүп алып турууну өз колуна алган. Орус администрациясы андан эбак эле шекшип калган, бирок аны колго түшүрө албай жүрүшкөн. Бир мезгилде бажылык корукчу эки күзөтчүсү менен жок болуп кетишет. Кийинчерээк тергөө учурунда алар жашынып калууга үлгүрбөгөн кыргыз контрабандисттери менен кез болгону белгилүү болот. Соттолуп кетиштен, камактан кутулуш үчүн алар корукчуну күзөтчүлөрү менен кошо өлтүрүп туруп, сөөгүн өрттөп ийишкен. Эр жүрөк, курч мүнөз Камчыбекти, али бала, датканын кенже небереси Арсланбекти, Гүлчөнүн болушу Махмудбекти аларды катканы үчүн жана контрабандисттердин тобунун начальниги катары кармашат, аларга кошуп Мырзапаясты камашат. Бул иш боюнча 21 киши камалат.

Бектердин карыган энеси Курманжан датка аскер губернатору Повало-Швыйковский менен сүйлөшүү жүргү зүү үчүн Жаңы Маргалаңга жөнөйт. Аны неберелери, балдары менен жолугуш үчүн областтык түрмөгө киргизишет, бирок анын жалынып-жалбарууларынан эч натыйжа чыкпайт. Махмудбек, Мырзапаяс, Арсланбектерди Сибирге каторга иштерине кесишет.

Россияга жакында эле баш ийген кыргыздар өздөрүнүн сүйүктүү баатырларынын кайдагы бир корукчулардын өлүмү үчүн набыт болушун каалашпайт. Алар өз жигиттерин күч менен болсо да бошотуп алууга аракет кылышат. Түрмөгө кол салып, өздөрүнүн сүйүктүү даткасынын балдарын бошотуп, алардан мурун алар камакта олтурган бектерге жолугуп, кеңешип алууну туура көрүшөт. Бирок өтө сак Махмудбек аларды тыйып коёт.

1895-жылы 2-мартта соттолгондорду Оштун кыргыздар жашаган бөлүгүндө дарга асышат. Дарга асууну өз көзү менен көрүп турган Курманжан даткага өтө эле кыйын болот. Ал Алайга көчүп кетет да балдарына ошол жактан куран окутат.

Сибирге сүргүнгө айдалган Махмудбек жолдоштору менен жолдо эки жыл жүрүшөт. Алар ооруп, Иркутскиге токтошот. Ошол мезгилде датканын сөзү өтүмдүү достору, өзгөчө Ионов анын балдарын бошотуп алуу үчүн көп аракет кылышат. 1897-жылы Махмудбек, Мырзапаяс, Арсланбектер сүргүндөн бошотулуп, Сибирден кайтып келишет.

Кара кыргыздарга көрсөтүлгөн мындай зордук-зомбулукту орус администрациясынын айрым өкүлдөрү азиаттар кара күчкө гана баш ийет деген пикир менен актап келишет. Ошол себептен улам Алайдагы орус бийлигинин кадыр-баркын көтөрүү үчүн кыргыздарды эсинен кеткис кылып катуу жазалоо керек болгон. Айрымдары датканын балдары орус бийликтерине таянып алышып көөп кетишти, өз болуштуктарында каалагандарын жасап, элге өз билгендериндей салык салышып, элди өз билгендериндей талап-тоноп жатышат деп айтышкан. Алардын анча-мынча желин чыгарып, ким экендиктерин таанытып коюу керек дешкен, кандай дешсе да ал мезгилдерден бери он жыл өтүп кеткенине карабай датканын балдары өзүлө рүнүн мурдагы болуштук ордун алышкан эмес.

Бул жерде датканын башка балдары жөнүндө да сөз кылып кетүү керек. Анын экинчи уулу Батырбек кыргыздардын Скобелевге жасаган ийгиликсиз каршылыктарынан кийин Кашкарга өтө качып, ал жакта 1877-жылга чейин жүрөт. Кийин энесинин суранычы боюнча Ош уездине кайтып келип, болуш болуп дайындалат. Ал 1895-жылы өлөт. Датканын төртүнчү уулу Хасанбек дагы агасы Абдылдабек менен 1877-жылга чейин Ооганстанда болушат. Кийин аны дагы Ош уездине болуш кылып дайындашат. Азыр Хасанбек Алымбектин медресесинде мутевалий, же болбосо атасы диний окуу жайына керээз кылып калтырып кеткен оокат-жайдан түшкөн кирешенин башкаруучусу болуп турат. Хасан бир кезде 14 күнгө хан тагында олтурган, азыр Ош базарында кызыл товар саткан Кудайкулдун (Белбакчихан) кызына үйлөнгөн.

                                                 IV

Ким бирөөнүн жер титирөө тез-тез болуп турган тоо өлкөлөрүндө жашаган элдердин өздөрү да тынчы жок келет деп айтканы бар. Мисалга, ар жыл сайын жер титиреп турган, эл ичинде дайыма толкундоолор болуп турган Дагстанды айтышат. Ош уезди да кудум эле Дагстанга окшоп кетет. Жер титирөө бул жерде да тез-тез болуп турат. Жакында эле Оштон 48 чакырымдай жерде турган Анжыян шаары кыйрап калды. Чын эле бул жактын элинин да тынчы жок. Анын үстүнө Алайдын мурдагы Кокон хандыгы менен Кытай Кашкардын ортосунда жатканын да унутпоо керек. Эки жакта тең саясий козголоңдор, тынымсыз согуштар болуп турган. Далай тынчы кеткен баш кесерлер, нааразы болуп Кашкар менен Кокондон качкан начальниктер, шылуундар дегеле коңшулаш өлкөлөрдүн ар кошкон эли акыры келип ушул Алай тоолоруна жашырынышкан. Мындай шартта кыргыздар чектеш элдердин күрөшүнө эрксизден кошулуп кетишчү. Кашкардагы мусулмандар кытай бийлигинен кутулуш үчүн далай жолу газават жарыялашкан (мисалга, 1862-ж.). Андай окуяларга дайыма кара кыргыздар да кошулуп кетишчү. Ош уездинде болсо орус бийлигинин аркасы менен ал жер аз да болсо тынчып калды, бирок кезеккезеги менен ал жерде башаламандыктар болуп турду. 1885-жылы бул жерде ооган эмири менен байланышып алган бир топ шайкалар пайда болуп, өздөрүнүн башчысы Дервиш хан Төрөнү кокон ханы деп жарыялашкан. 1891-жылы кичине болсо дагы башаламандыктар кайта кайталанган. Кожокален өрөөнүндө миңдеген кыргыздар келип кошула баштаган Каратегиндик Имам Магди деген чыккан, Курманжан датканын төртүнчү уулу Хасанбектин айтуусу жана уезддин начальниги Ионовдун буйругу боюнча толкундоолордун башчысы кармалып, сүргүнгө айдалган. 1898-жылы жаңы чоң көтөрүлүш даярдалып, орустарга каршы газават-жарыяланмак болот. Мага бул көтөрүлүш жөнүндө туура эмес пикирлер айтылгандыктан көбүрөөк токтолууга мажбур болом. Түркстандын аскер администрациясы көнүп калган жерлерди калтырып кетүүдөн корккондуктары үчүн, кийин бул крайдын ички иштер министерствосунун карамагына өтүп кете тургандыгы үчүн аскер бийлиги бул жердин дагы эле зарыл экендигин Өкмөткө далилдөө максатында анжияндык кан төгүү атайылап уюштурулган дешет. А чын-чынына келгенде газаваттын жарыяланышын бул элдин динге болгон сокур сезими менен гана түшүндүрүүгө болот. Эгер мусулмандар өздөрүн курандын окуусуна берилгенбиз дешсе анда алар капырлар менен согушту тынбай жүргүзүүнү үгүттөөлөрү керек. Жеңишке жетпесе да динсиздер менен болгон согушта апат болуу бул диний чоң эрдик деп эсептелет, андай мусулман тиги дүйнөдө да бейиштин жыргалына батат. Ушулардын баарын көзүр кылып кармап алышкан имамдар менен молдолорго, эшендер менен думаналарга ыйык согушту жарыялоо кыйын деле эмес эле.

Анжияндын түштүк жагындагы Миңтөбө кыштагындагы тажиктерден жаңы молдо үгүтчү чыгат. Аны МагометАли-Халиф же жөн эле Дукчи-эшен деп коюшчу. Кырк жаштагы эшен билимсиз болсо дагы, куранды бүтүндөй жатка билүүчү. Бүйүр кызыткан сөздөрү менен ал «ыйык» эшендин окуусун кумарлана угушкан элди топтоп алуучу. Эшен элди өзүнө дүр-дүйүм тамактары, көз боёмологон шумдуктары менен тартуучу. Анын үйүндө үч чорголуу килейген самоор такай кайнап турчу. Бир керемет менен кой этинен басылып отсуз бышкан палоо дайыма даяр болор эле. Кийин ошол казандарды жылытыш үчүн үйдүн дубалдарына киши көргүс кылып бекитилген кернейлерди табышкан. Оюнда эч арамдыгы жок эл ага ишенишип, белек-бечкектерин көтөрүнүп алышып барыша турган. Эшен эл эмне алып келсе, бир кесим чүпүрөктөн баштап төөгө чейин ала берчү. Ал келген элдин белектерин алып, аларга өзү жасаган ийиктерди таратып берүүчү. Ошондуктан эл аны Дукчи же «ийикчи» деп аташчу.

Эшендин мүрүддөрү анын даңкын көтөрүшүп, эшендин ыйыктыгы, көзү ачыктыгы жөнүндө жердин баарына чуулдатып айтышып карапайым элди алдап келишкен. Мүрүддөр алынып келинген белек жөнүндө эшенге айтып турушкан. Эшенге келген киши мүрүддү ээрчий босогону аттай электе эле эшен олуя өңдөнүп анын алып келген белегинин атын айтып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирет. Мүрүддөр үйдүн дубалдарына, катылган түтүктөр менен келген киши туурасындагы маалыматтардын баарын айтып турушкан.

Кирген киреше менен жардамчыларынын көптүгүнөн, Дукчи-эшендин чарбачылыгы гүлдөп, күн сайын келген элдин баарына тамак-аш берип турган. Кыргыз аялдары анын алдынан туура басышчу эмес. Эшендин батасын алуу үчүн күйөөгө бере турган кыздарын алып келишүүчү. Дукчи-эшендин батасын алган кыздар үчүн калың көп төлөнүүчү.

Айрым түркстандыктардын эшенди динге терең берилген киши деп келишкендигин айтып кетүү керек… Жогорудагылардын баарын тең эшен эмес башында Кокондун хан сарайынын иш жүргүзүүчүсү (же мырзасы), молдо Магзум турган анын тегерегиндегилер кылышкан. Козголоңдун чыгышын да негизинен ошондон көрүшөт.

Ошол кезде Туркиядан Абдул-Жалил деген эч кимге белгисиз бир авантюрист келет. Ал паспортун Маргалаң менен Ошто белгилетет да, түрк султанынын каты энчи катары Дукчи-эшенге барат. Абдул-Жалил эшенге мусулмандардын өкүмдары берип ийген чепкенди жашыл асабаны, Мукамбет пайгамбардын чачын тапшырып, газават жарыялоого чакырат. Дукчи каттын Султандан экенине көпкө чейин ишенбей турат да: «Султан мени кайдан билет экен?» – деп сурайт. Ал Абдул-Жалил экинчи жолу келгенден кийин гана алданып, элди динсиздер менен согушууга чакыра баштайт. Динге терең берилген эл көтөрүлүш чыгарарына ишенишет. Курал-жарактын ордуна душмандын аткан огун сууга айлантып ийе турган ийиктерди тараттырат.

Даярдалып жаткан газават жөнүндөгү кабар бүтүндөй Түркстанга тарайт. 17–18-майдын түнүндө Самарканддын мусулмандары даярдалып жаткан газаваттын ийгиликтүү болушун тилөө үчүн мечитке сыйынганы келишет. Ташкендин базарындагы мусулмандар динсиздерге каршы ачык эле үгүт жүргүзө башташат. Мусулмандардын өздөрүнүн басып алуучуларына жасаган мамилеси жер-жердин баарында эле аябай өзгөргөнү кадимкидей сезилип турат. Уюштурулуп жаткан көтөрүлүш туурасында орус администрациясынын өкүлдөрүн да эскертишкен. Бирок алар өздөрүнүн чакан отряддары менен бул чапанчандардын чоң-чоң топторун жеңил эле талкалап койгондуктарын али күнчө эстеринен чыгарышпай, көтөрүлүштү өз учурунда басууга эч чара көрүшпөстөн камаарабай гана жата беришкен.

1898-жылдын 18-майынын түнүндө ээлигип калган мусулмандар, өзгөчө жергиликтүү түрктөр айылдык старшина Молдо Касымдын баштоосу менен Миңтөбөдөн Анжиянга бет алышат. Дукчи-эшен да алар менен кошо жөнөйт. Аппак кийинип, башын өлүмгө байлаган мүрүддөрдүн бири ачылган куранды, анан биринчи өлтүрүлгөн орустун канына боёлгон жашыл асабаны көрүп алып алдыда атчан келатты.

Ошол учурда эч нерседен шек санабаган анжияндык орустар жаш аскерлерди түн ортосунда ойготушуп мылтык ата турган жерге жөнөтүшөт. Калган эки барактагы аскерлер катуу уктап жаткан болот. Офицерлердин коңшу барагындагы дежур офицер гана уктабай китеп окуп олтурат. Таңга жуук ал кайдагы бир кыйкырык-чууну, аттардын дүбүртүн угат. Дал ошол кезде ээликкен мусулмандар аскерлер жаткан барактын бирине жулунуп киришип, уйкуда жаткан жоокерлерди кескилеп-сайгылап жатышты. Кээ бир каны кызуу жигиттер барактын ичине аттары менен кирип барышып, кээлери орустарды согулган тосмонун тышынан сайып кетип атышты. Мындай ызы-чуудан коңшу барактын аскерлери ойгонуп кетишти. Алар мылтыктарын ала коюшуп, аянтка чуркап чыгышты… бирок мылтыктарынын октору жок болучу. Ошол маалда уктабай китеп окуп отурган офицер револьверин көтөрүп тышка чуркап чыгат. Таңкы үрүл-бүрүлдө ак кийимчен офицерди мусулмандар мүрүддөрдүн бири го деп ойлошуп, штыктарын сунуп, чокмороктошуп туруп калган аскерлер тарапка өткөрүп жиберишет. Ал жактан фельдфебель чуркап чыгат да, анын жашигинде кароол үчүн келген октордун бар экенин айтат.

Офицер: «Тез алып кел!» – деп кыйкырат.

Аскерлер бир заматтын ичинде кундактары менен жашикти талкалап ийишет да, окторду тарата коюшуп, козголоңчуларды аткылап калышат. Эшендин анчамынча кишисинен бөлөгү бүт качып кетет. Баарынан да мусулмандардын таң калганы элге эшен таратып берген ийиктердин эч нерсеге жарабай калгандыгы. Мүрүддөр элге бул ийиктерди динсиздерге кичине эле тийгизип койсо жан таслим болору туурасында айтышкан. Эгерде динсиздер мылтыктары менен аткылап киришсе алардын мылтыгынын оозунан ок эмес эле суу агып каларын да түшүндүрүшкөн.

– Эгер жолдон сарттар бизге кол салса октору жок мылтыктарыбыз менен эмне кылмакпыз? – дешти ошол түнү мылтык атканы кетип баратышкан жаш аскерлер. – Ошондо ал биздин мылтыктарыбызды эшендин чын эле дубалап салганына ишенип калышмак. Баарыбызды жок кылып, сонунду көрмөк экенбиз да.

Ноокат болушунун кыргыздары да ошол көтөрүлүшкө катышкан. Хандардын мезгилиндеги алардын башкаруучусу молдо Оморбек Алимов датка Ош шаарына капыстан кол салыш үчүн өз кыргыздарын Атамеректин дөңүнө чогулткан. Тегеректин баары бул жерден алаканга салгандай көрүнүп турчу. Бул жерде турган киши Миңтөбө менен Ошто болуп жаткандардын баарын кадимкидей көрүп турмак. Курманжан датканын балдары да даярдалып жаткан көтөрүлүштөн кабардар болушуп, балким, тапшырма да алган болуш керек. Бирок көтөрүлүш бүгүн-эртең деп турганда аларды өтө сак тууганы Карабек Оштогу уезд начальнигине барып мусулмандар аларга кол салганы жатканы жөнүндө айтып койгон.

17-май күнү Ош уездинин начальниги кишилерин ээрчитип алып, көтөрүлүштүн чоң-кичине болорун билбей эле эл чогулуп жатат деген Атамеректи көздөй салып-уруп чаап жөнөгөн. Кыргыздар начальник жөн эле кайдан чаап келсин, артында жүздөгөн казак-орустар келатса керек деп ойлошот. Бул сөз көтөрүлүшкө чыккан элдин арасына тез эле жайылып, чогулган эл таркап кетет. Уезд начальниги ошол эле күнү Маргалаңдагы губернаторго телеграмма урат, бирок элдин айтымына караганда ал телеграмма Анжиянда болгон кыргындын эртеси күнү гана окулат.

Козголоңду тез эле басышат. Дукчи-эшен дарга асылат. Абдул-Жалил изин суутуп кетет, молдо Зияутдин Кашгарга кире качат.

Орустар козголоң үчүн катуу өч алышат. Анжияндагы мусулмандар мууздап кеткен 22 киши үчүн орус аскер соту Миңтөбөлүк жүрүшкө катышкан 22 кишини дарга асууга өкүм чыгарат. Кыргыздардын башчысы молдо Оморбек Алимов датка менен хандын мурунку паңсаты Сатыбай Ракибиевди Оштон кармашат да, сүргүнгө айдашат. Оморбек көп өтпөй ошол жактан өлөт. Миңтөбөлүк Молдокасым качып кетип, эки жылдан кийин кайра кармалат. Чыгыштагы салт боюнча Миңтөбө кыштагын жер менен жексен кылышып, биротоло атын өчүрүшөт. Байлары жер которот, кедей-кембагалдарына жер беришип башка жакка көчүрүп кетишет. Алар жерлүү болгонуна сүйүнүшөт да, жаңы кыштагын Мархамат деп аташат. Миңтөбөнүн эски ордун орустарга беришет, алар бул жерде 200 түтүндүү «орус кыштагын» курушат.

Бул ирет датканын балдары кырсыктан тыш болушат, Оштогу орустарга даярдалып жаткан козголоң жөнүндө айтып келген Карабекти алтын медаль менен сыйлашат, сый чапан жабышып, пенсия чектешет. Ошол Карабек жакында эле өлүптүр. Бирок кыргыздар анын «ыйык согушка» кылган чыккынчылыгын али күнчө унутпай келет экен. Биринчи жолу болуштукка шайлоо болуп, Карабектин уулу болом дегенде алайлык кыргыздар аны колдобой коюшуптур.

Дукчи-эшен өлөрүндө орустардын күчтүү экендигин козголоңдун жеңээрине көзү жетпей тургандыгын айткан. Ошонун баарын сезип туруп анын газаватты жарыялоодон башка аргасы калган эмес. Чын-чынына келгенде Түркстанды орустар ээлегенден кийин жер-жерлер тынчып, сарттын баары тез байып, хандардын мезгилиндегидей болуп оокат-жайы, катын-баласы өздөрүнүн кара жаны үчүн титиреп жүрөктөрү түшпөй калган. Бир жагынан орустар элдин жашоо-турмушун өздөрүнүн жаңы тартибин, адамдын пейилин бузган каада-салттарды кошо ала келишкен. Мусулмандардын ичинде да ичкилик ичүү, уурулук кылуу, элди алдоо сыяктуу жаман көрүнүштөр пайда болгон. Ошондуктан азыр ыйык Куранга чыккынчылык кылгандан көрө ыйык согушта динсиздер менен кошо өлүп, бейишке чыккан (Аль-Жаннат) жакшы деп калышкан.

Козголоңдон кийин генерал-губернатор С. М. Духовский Ош уездине келип Курманжан даткага кезигет.

Карыган кемпир кытайдын кара-көк кымкабынан чепкен кийип, башына элечек оронуп уулу менен небересине жетелетип келет. Генералдан жардам керекпи деген суроосуна:

  • Кудайга шүгүр, мага эчтекенин кереги жок. Ушул карып калган кезимде паашанын ишинин гүлдөп турушун кудайдан тилейм. Менин балдарыма көрсөткөн урмат-сыйыңар үчүн ыракмат, – дейт.
  • Бала-чакаңыз көптүр? – деп сурайт генерал.
  • Билбейм. Беш баламды, багып алган уулумду, небе-релеримди билем, саны канча экенин билбейм… Көп! – дейт ал колун жайып.

Анын бала-чакасынын саны 183 киши дешет, азыркы учурга чейин тирүү турганы 98 адам (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбүрөсү, 6 чебиреси бар) өлгөндөрүнүн саны 85 киши.

Курманжан датканын орус падышасы үчүн кудайга сыйынам дегени жөн эле ооз учунан айтылган сөз эмес. Датканын уулу Махмудбек 1901-жылы 9-майда генерал-губернатор Ионовго кат алып келген, ал катында Курманжан датка мусулмандардын ыйык мазары ХазретАсфи-Ибни-Эл-Баркияга сыйынганы келгендердин баары менен чогуу падыша үчүн сыйынганын жазып ийген. Азыркы бийлик жүргүзүп жаткан падыша да датканы көз жаздымында калтырган эмес. Бир жолу ал Курманжан даткага кымбат таш чөгөрүлгөн шакек, кийин алмаздалып кооздолгон алтын саат белек кылат. Датканын көзү тирүүсүндө сегиз генерал-губернатор алмашат. Ош уездиндеги ага жолуккан губернаторлордун баары ага өз белектерин тартуулашкан.

Бул жердеги биз жазгандар, албетте, Курманжан датканын турмушун толук чагылдырбайт. Биз анын орус администрациясы менен гана болгон мамилеси туурасында сөз кылдык. Анын балдарынын Алай тоолорундагы жайлоолоп жүргөнү, кышкысын жакага түшүп эли-журтун кандай башкаргандыктары, алардын кыргыздар ичиндеги күнүмдүк турмуштары туурасында көп сөз кылышпайт. Датканын шаардын турмушуна кайдыгер болгону, жайыкышы менен Алай тоолорун аралап конуп-көчүп жүргөнү гана белгилүү. Өмүрүнүн акырына чейин ат үстүнөн түшкөн эмес.

Ушул жылдын 1-февралында токсон алты жашка караган учурунда Курманжан датка Мады айылында туугандарынын арасында көз жумган.

Датканын улуу уулу Махмудбек энесинин өлгөнү туурасында дароо эле Гүлчөдөгү өзүнүн досу капитан Авровго кабар айттырган. Капитан кабар жетээри менен «Алайдын канышасына» көз көрсөтүп келет. Датканы коюу аземин мага ошол капитан Авров айтып берди.

Сөөктү кыргыздардын салты боюнча жерге жаткырбай, парча менен жаап үстөлгө жаткырышат. Анын жанына казына менен башка элдин берген белек-бечкектерин коюшат. Өргөөнүн эшигинин алдында эки катар болуп датканын неберелери, чөбүрөлөрү турушат. Келгендерди улам бир уулу тосуп алат да, тууган-туушкандары өкүрүп киришет. Боз үйдүн ичинде да датканы жакын аялдары кошуп олтурушат. Капитан чогулган миңдей кишини көрөт, бирок коңшулаш айылдардан келген элдин аягы тыйылбайт.

Сөөктү бак ичиндеги аянтка алып чыгышат. Ошол эле учурда имамга келген оокаттар жүктөлгөн төөнү жетелеп чыгышат, имам ошол эле жерден кыска кайрып куран окуйт. Анан сөөктү арабага салышат. Анын жанына кичүү уулу Хасанбай олтурат, улуу уулу Махмудбек болсо элдин коштоосу менен атчан жөнөйт. Жөнгө келген эл шашпай Ошту карай бет алат. Оштун чоң мүрзөсү Сары мазарда анын дарга асылган жакшы көргөн уулу Камчыбектин жанына мүрзө казылып коюлган. Мады менен Оштун ортосу он үч чакырымдай. Ар жак, бер жактан келген кишилер кошулуп, өлгөнгө келгендердин саны көбөйө берет. Баары тең атчан, жөөсү да көп. Арабанын алдына түшкөн неберелери өкүрүп баратышат.

– Күзгүбүз элең сен биздин! – дейт туугандарынын бири.

Молдо болсо өлүк коюуга тийиштүү Курандын сүрөөсүн окуп өлүк жанында баратат.

Мүрзөнүн оозунан арабаны токтотушуп, сөөктү колдоруна алышат. Уулдарынын бири элдин алдына түшүп алып, күмүш тыйындарды чачып барат. Махмудбек көрдү өзү түшүп көрүп чыгат. Да бир жолу куран окугандан кийин сөөктү көргө түшүрүшөт. Биздин россиядагыдай эле ал жердеги чогулган элдин баары тең топурак ташташат. Сыйлуу кишилерге топуракты чапандын этегине салып барып беришет. Алар топуракты колдоруна алышып, кайра чепкенге ташташат. Анан бул топурактын баарын тең мүрзөгө ташташат.

Сөөк көмүлгөндөн кийин баары тарап кетишет. Кийин деле көпкө чейин алыскы жердегилер датканын балдарына куран окутуп кетип турушат.

1907-жылдын ноябрь айында датканын ашын бермей болушат, ошентип коңшулаш болуштардын эли Мадыга кайра чогулушат. Ошондо Курманжан датканын жашоотурмушун өз ырында сүрөттөгөн кыргыздын бир төкмө акыны табылат.

Махмудбек Алымбек Даткаевдин аңгемелерин угуп олтурган ошол кечте мен Алай тоолорунун көздүн жоосун алган жаратылышын, капчыгай жарып өткөн тентек өзөндөрүн көргүм, эркин көчмөндөргө кошулуп алар менен боз үйдө бирге жашагым келип кетти.

Менин оюмду билген Махмудбек жан-алымды койбой мергенге чакыра баштады.

– Азыр эртерээк, кар көп. Майда чыкканыбыз оң болор, – деди.

Мен майга дейре күтө албадым. Алкышымды айтып, ага белек бердим. Махмудбек белегимди кунт коюп алганы менен ага жаңылык эмес экенин туйдум. Көрсө, ал тоолордо, өзгөчө күндүз адашып калбас үчүн дайыма кичинекей компас алып жүрөт экен. Ал компасты тумандуу күндөрү намаз окуурда кыбыланы табыш үчүн да пайдаланат экен.

Эртеси таң үрүл-бүрүлдө ойгонуп, мен Оштон Анжиянга жол тарттым. Мүрзөнүн жанынан өтүп баратып кыштан салынган бийик мүрзөнүн жанында куран окуп олтурушкан эки аялды көрдүм. Андан ары Сулайман тоосуна «саваб» жасоо үчүн бараткан элди көрдүм. Андан ары бактын башына орнотулган таш секичеден эртең мененки багымдатка чакырган азанчынын коңур үнүн уктум. Эмнеси тоораттык өлкө эмес? Мусулмандар ыйык туткан улуу көсөм ашкандай, мындай динди Израилден да таппайсың.

Которгон Эсентур КЫЛЫЧЕВ

Ф. РОККА

ПАМИР ЖАНА АЛАЙ КЫРГЫЗДАРЫ

Бул тоолуу аймактарды ээлешкен көчмөн кыргыз калкы кара кыргыздар деп аталат. Аларды негизинен кунгуш, адигине жана ичкилик деген үч уруу түзөт. Мунгуш, адигине уруулары Ош жана Анжиян уезддеринде отурукташса, ичкилик уруусу Маргалаң уезди менен Кичи-Алай тоолорунда жайгашкан. Бардыгы биригип 75 миңге жакын калкы бар. Чоң-Алайда жашаган элдер көбүнесе алачыктардан куралган кыштоолордо турушат. Найман болуштугуна кирген 500 үй-бүлөнүн эки жарым миңге жакын эли бар. Чыгыш тарабынан Кызылишим, батыш тарабынан Кызылсуудан Дараут-Коргонго чейин созулган айылдары ар кайсыл жерлеринде кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан. Жайкысын тоолуу аймактагы эл кыштоону калтырып жайлоого көчөт…

Алайлык кыргыздар Россияга эң акыркылардан болуп баш ийишкен. Алардын башчысы Курманжан датка Кокон хандыгы ыйгарган генерал деген наамдын ээси болгон. Анын күйөөсүн Кудаяр хан бек кылып дайындаган. Бектер кыргыздарда өтө чоң урматтоого ээ болуу менен бирге кеңири бийликти да жүргүзүшкөн.

Курманжан датка жесир калган соң мунгуштар менен адигине уруулары аны өз даткабыз деп карманышып, анын карамагына кошулушкан. Бул аябагандай эрктүү, акылман аял кыргыздын майда, мурда ыркы жок урууларын бириктирип, чогуу ынтымакта кармап турууга жетишкен. Анын жардамына Кокон хандыгы да муктаж болуп, ал мурда борборго келгенде чоң сый менен тосуп алышкан. 1876-жылы орустар Кокон хандыгына каршы түзүлгөн согуштук экспедицияны жөнөтүшкөндө да кыргыздар буга кайдыгер карашкан. Бирок кийинчерээк, Кудаяр хан качып жоголуп, Кокон хандыгы орустардын карамагына өтө баштаган кезде Курманжан датка өз балдары менен бирге орустарга каршы күрөшкө чыккан. Скобелевге каршы согуштук аракеттер Кичи-Алай тоолорунун эң бийик чокуларында жүргөн. Гүлчөдөн анча алыс эмес Жаңы-Коргондо болгон кармашууда кыргыздар толугу менен талкаланган. Датканын балдары Кашкарга качып кирип кетишип, өзү болсо орустарга колго түшүп берген. Жаңы бийлик ага өтө сылык мамиле жасап, анын мал-мүлкүн, байлыгын бүт калтырып, балдарына кайра үйлөрүнө келип жашоого уруксат беришкен. Кайрылып келүүгө бир гана улуу уулу Абдылдабек макул болгон жок да, өз өмүрүн чет жакта куугунда жүрүп өткөрдү. Башка балдары болсо кайрылып келишип, амин, болуш сыяктуу бийликтерди колго алышкан.

Курманжан азыр да Алай кыргыздарынын арасында өтө чоң кадыр-баркка ээ, бирок ал азыр өз малы, мүлкү, короосу менен гана алек болуп, эл башкарганга көңүл бурбай калган. Канткен менен да бул аял кара кыргыздардын турмушунда чоң маанилүү иштерди жасаган.

Кыргыз аялынын башына үй чарбачылыгын кармоо түйшүгү бүт бойдон жүктөлгөн: боз үйдү жайлоого көчкөндө жаңы конушка олтургузгандан тартып, төөгө жүк, үй эмеректерин артып, кайра жүк түшүргөнгө чейин жаны тынбайт. Малды да өзүнүн күйөөсүн, балдарын карагандай эле карап, сугарып, чөп салат. Мүмкүн, дал ошондуктан татаал шарттарда, аба ырайынын катаал учурларында сыналган кыргыз кызы эрктүү эр жүрөк, чыдамкай болушуп, башка аялдарга такыр окшошпойт. Алар кээде кабелтеңдиги, мүнөзүнүн оордугу менен эркектерге да теңтайлаша кетишет.

Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздар өз апа, энелерин, аялдарын урматташкандай кылып аялдарды урматтагандар аз кезигет. Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт, тескерисинче, өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын ою да сөзсүз эсепке алынат. Кыргыз көчмөн калкынын аялдары менен түрк гаремдеринде ийнеликтей араң жан олтурушкан аялдардын ортосундагы айырманын чоңдугу айтпасак да түшүнүктүү. Ошентсе да ал баары бир азиялык, мусулман аялы бойдон калат. Кыргыз макалы аялдын турмуштагы болгон маанисин бир гана макалга батыргансыйт: «Аялың урушчаак болгон соң, элиңдин тынч жашаганынан не пайда? Өтүгүң тар болгон соң, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда?»

Ал тургай согуш учурунда же башка бир тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч олтура албайт, кээде алар өз боз үйүнүн тынчтыгын коргоп калуу үчүн кармашка кирген учурлар да болгон, же майданда жарадар болгон жоокерди ал тууган болсо да, бейтааныш болсо да, дарылап карашкан. Көчмөн калктын аялдардан башка доктурлары да жок.

Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар жөнүндөгү аңгемелери кыргыз жана түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун элестетет. Эрктүүлүгү, чарбачыл акылмандыгы менен азия аялдары XIII кылымда эле Туран өлкөлөрүнө саякатка барышкан европалыктарды таңдандырган.

Француз королу Людовик IX Монголияга жөнөткөн Гийом Рубруктун жазгандарын (1253-ж.) жана франциялык монах Плано-Карпанинин китебиндеги Чыңгысхандын Каракорумдагы белгилүү ордосу жөнүндө (1247-ж.) окуп олтуруп эрксизден алар азыркы кыргыздар жөнүндө жазып калтыргандай туюлат.

«Монгол аялдары менен кыздары ат үстүндө эркектерден кем калышпай жүрө алышат, – деп жазат папа Иннокентий IV жөнөткөн саякатчы, – алар өтө шамдагай жана бардык ишке тыкан келишет. Алар жаа менен эркектер сыяктуу эле таамай ата билишет».

Кыргыз эркеги канчалык орой болуп, үй-бүлөлүк салттарды сактабасын (бардык эле мусулмандар, азиялык сыяктуу), өзүнүн турмушундагы аялдын маанисин баалай билет. Ал өз сүйгөнүн өтө назик сөздөр менен эркелетет: оройлуктун изи да жок калып, баягы эркек мүнөздүү аялдар анын кыялынан айым кыздар болуп чыга келгенсийт. Ошондуктанбы, кыргыз аялдарынын ысымдарынын арасында көбүнчө Алмагүл, Пистегүл, Алва (халва алар жакшы көргөн таттуу тамак), Карлыгач, Жибек сыяктуу аттар кезигет. Ал ысымдардын арасынан Сарыкыз дегени жолукса да таң каларлык эмес – кыргыздар сары түстү кастарлап сүйүшөт.

Бирок кыргыз турмушу толтура эле жомок сыяктуу кооздуктардан турат деп айтуу да туура эмес. Канткен менен да кыргыз азиялык түркөй эл бойдон калат эмеспи. Ал дайыма «Катынымды канча кааласам ошончо урамын, өлсө кун төлөймүн» деген сөздү көп кайталайт. Ошентсе да күйөөсүнүн бийлиги да кайсы бир өлчөмдө чектелүү: кээде аялынын төркүндөрү ага болушуп күйөөдөн чыгарып алышкан учурлар да кездешет.

Кыргыз аялы өтө жогору бааланганын ал үчүн кымбат калың төлөнөрү да далилдеп тургансыйт. Албетте, калың бул эскиликтин саркындысы болуп, аялды мал-мүлккө теңеп, сатып алууга боло тургандыгын билдирет. Калыңдын баасы да ар түркүн. Мурда кыргыздар чексиз жайыттарга, малдарга ээ кездерде калыңдын баасы да жогору болгон: Жүздөгөн баш мал менен гана чектелет. (Бир-эки төө, төрт жылкы, төрт уй). Кембагалдар болсо бодо малдын ордуна кой-эчки сыяктуу майда жандыктарды беришет.

Кыргыздар чыныгы азиялык калк катары аялды өтө баалашат. Шарият боюнча төрттөн ашуун аял алууга болбосо да, алар аны анча карманышпайт: каалашынча үйлөнө беришет. Ошондуктан кыргыздар салтты бекем кармашат: «Сарт байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» – деп айтылат жергиликтүү макалда. Эгерде кыргыздын төрт аялы болсо алардын ар биринде кезек менен түнөп өтөт. Аны кабыл алчу аял ошол күнкү тамак-ашын белендеп тосуп алат, айтор, чарбачылдык төрт башка бөлүктөн тургандай болот. Асыресе, байбичеси кичүү аялдарына караганда бир аз жогору турат, калгандары ага баш ийишет. Кыргыздар өз балдарын өтө эрте үйлөшүп, кыздарын эрте күйөөгө узатышат. Балдар 12–13 жашында, кыздар 9–10 жаштарында балакатка жетет деп эсептелет. Арийне, ушунун баары үй-бүлөнүн жеке шарттарына жараша да болот. Бай үй-бүлөлөрдүн балдары эртерээк жетилет. Алай кыргыздары балдары бир жашка толо элек кезде эле аларды болочок жубайлары менен баш байлап куда болуп коюшат. Бирок күйөө бала кийинчерээк калыңды толук өткөрүп бүткөндөн кийин гана үйлөнө алат.

Келин үй-бүлөнүн гана эмес, өзү келин болуп келген уруунун да байлыгы катары саналат. Күйөөсү каза болгон учурда келинди анын кайнисине алып беришет. А эгер аялы кайтыш болсо күйөөсү анын сиңдисине үйлөнө алат.

Келин үчүн да бүт уруу кун талап кылат, өч алат.

…Кара кыргыздар өздөрүнүн пайда болушун да өздөрүнө коңшулаш жашаган элдерден, орустардан башкача түшүндүрүшөт. Алардын уламышына караганда кыздан таралганбыз деп айтылат. Алардын түпкү теги уламыш боюнча бир кыздуу болгон экен. Ал кызды кырк кызматчы аял кайтарып багышат. Бир жолу ошол кырк аял менен дарыяга сууга түшкөнү барат да, анда агып бараткан ак көбүктөрдү көрөт. Ал көбүктөн «ана чындык, мына чындык!» деген үндөр угулат. Ошондон соң кыздын боюна бүтүп, кийинчерээк ал кырк кыз, кырк эркек бала төрөйт. Азыркы кыргыздар мына ошол кырк кыздан таркаганбыз деп уламыш айтышат.

Ошентсе да уруу адамдардын саясий, коомдук, чарбалык биримдигин түзгөн уюм сыяктуу: уруу өз мүчөсүнүн ар кыл жоруктары үчүн жооп берип, ал бир кырсыкка дуушар болсо аны коргоп, ал тургай ал үчүн өч алууга да милдеттүү. Келин да бүт уруунун келини деп эсептелет. Мейманкерчилик туугандык байланышка карата жасалат: туугандык кыргыздарда кырк тамырга чейин эсептелип кете берет. «Жети атасынын атын билбеген адам жетесиз!» – дейт кыргыз макалы.

Ошондуктан кыргыз бейтааныш адам менен сүйлөшүп жатканда алгач анын жети атасы жөнүндө маалымат сурайт. Ошон үчүн ар бир кыргыз баласы да жети атасынын атын так билет…

Кара кыргыздар казактардан айырмаланышып, өздөрү ич ара ак сөөктөргө, төрөлөргө же кара тамандарга бөлүнүшпөйт. Кыргыздар улууларды сыйлоого өтө терең мамиле жасашат. Тамак тартуу учурунда да меймандарга аксакалына карай устукан узатышат. Мүмкүн, бул да монгол эзүүсүнөн калган таасирлерден улам болуп жүрбөсүн?.. Маселен, тойдо жигиттерге шыйрак берилет да, күйөө балага төш ыйгарылат, аксакалдарга жамбаш тийсе, аялдарга жана кыздарга эти азыраак, чакан жиликтер тартылат. Ар бир жилик кайсыл учурда кимге узатылышы керектиги тууралуу алдын ала салт боюнча белгиленген чен өлчөм да бар.

Мейман тосуу кыргыздарда эң ыйык салттардын бири катары эсептелет: алыска жол жүргөн жолоочу кыргыз жеринде дайыма ал кайсыл жерде токтоп түнөп калбасын, өзүнүн курсагы тойгузулуп, атына жем-чөп берилерине ишене берсе болот. Кыргыз өз коногун сыйлоону өз арнамысы деп билет. «Мейман бул кудайдын сүйгөн адамы» – дейт кыргыз макалы. «Бир күнү тузун татсаң, миң күнү таазим кыл» деген макал да бар. Эгерде мейман тоскон үйдүн тамак-ашы жетпей калса, ага коло-коңшулары жардамга келишет да, конок аш деп ар кимиси өз тамагын ала келишет. Айрым учурларда кембагал адамга мейман тосуу кыйын сыноо болгонуна да карабай меймандан качпайт. «Берген бешөө көп десе, алган алтоо аз дейт».

Алай кыргыздары маданияты жагынан жеткилең эмес, бирок албетте, ферганалыктарга караганда ак көңүл алабарман эл келет, себеби ферганалыктар чөлдө турушуп башка элдердин маданиятынын таасиринде да калышкан. Ошондуктан алар кезеги келген учурда өз артыкчылыгын көргөзүп, бой көтөрүп алмайлары да бар. Кыргыздар тоолук эл – аз өнүгүшкөн, маданияты жетишсиз. Алар өздөрүн мусулман дешкенине карабастан, динди бекем кармашпайт, айрым учурларда – диний майрамдарда, рамазан, айт учурунда гана эсептешет. Бул учурда аларга келишкен молдо, кожолорду алар өтө сыйлашып, аларга айтылган шарияттын жол-жоболорун көңүл коюп тыңдашат, бирок аткарышпайт. Кары адамдар гана эки убак намазын үзбөй окушканы болбосо, алар кудайга сыйынууну да билишпейт. Алар христиан дининдеги элдерден чочуркабай, жакшы тосуп алышат, бирок дайыма өз жергесине келишкендерден белек-бечкектерди күтүшөт. Анткени бул салтка айланып калган.

Чоң майрам учурларында бай кыргыздар мал союшуп, эл чакырат, алар каалаганча кымыз ичишип, мейман болушат. Кыргыздар той-тамаша деп көңүл ачканды жакшы көрүшөт: көк бөрү чабышып, байге сайышып, эс алышат. Кээде себепсиз эле топтолуп алышып, ар кимиси күч сынашып, күрөшкө түшөт, эр көкүрөк балбандарга урматтоо менен карашат. Ар бир айылдын өзүнүн баатыры, балбаны да бар. Кыргыз калкы – ат үстүндө шамдагай чабышкан чабендес эл келет.

Ойноо бала чагында да кыргыздар ата-энесине көп эркелешпейт, жаш чагынан көп сыноолорду өткөрүп, табигаттын татаал шарттарында, же башка учурларда болуучу кыйынчылыктарга чыдамкай келишет. Ошондуктанбы, көп алсыз, араң жан балдар жаш чагында эле кайтыш болушуп, чымыр денелүү, чыңдалгандар гана чоңоюп өсүшөт.

Кара кыргыздар кээде өз ойлоруна, кыялына ээ боло алышпай, бирөөлөрдү чаап алышып, өлтүрүп, карактаган учурлар кездешет. Анан калса каракчылык кылуу аларда урматталат. Барымтачыны жаман көрүшпөй, тескерисинче, аны менен дос болууга аракет кылышат. Бирок мындай баатыр адамдарга да башчы керек – алар байларга, уруулардын бийлерине биригишип, алардын каалаганын аткарып, жандоочу жигити болуп калышат. Мындай урматтуу адамдардан – амин, миң башы сыяктуу бийлик тарабынан дайындалган адамдар эсептелет. Кыргыздар эмгекчил болушканына карабастан, кээде зарыл болгон учурда гана иштешет. Таңдан кечке ат чабышып, аңчылык менен убакыт өткөргөндү жакшы көрүшөт. Биздин кербендин артынан ондон ашуун атчан кыргыздар ээрчип алышып кубалашып, бирде алдыга өтүшүп, бирде артта калышып, чаап жүрүп узатып олтурушту.

  • Силер эмне артка кайтып келдиңер? – деп сурадык алардан.
  • Силерди көрөлү деп, бул тамаша эмеспи! – деп жооп беришти алар бизге. Биз өз ырларыбызды хор менен ырдаганыбызда алар ыраазы болуп угушту: – Жакшы, баракелде! – деп кыйкырышып коштошту.

Анын үстүнө алар дагы эмне иш менен алек болушмак эле? Бул жерде дыйканчылык өнүккөн эмес, малды жайып койсо өз жанын өзү багат. Кыргыз ынсаптуу болгондуктан суу менен жайыт бардыгына эле ыраазы. Анткени алар мал багып, эт, жүн алышат, кийим-кечек, килем, шырдактарды, боз үй эмеректерин жасашат, тамак-ашка айландырышат.

Алар жашаган боз үй ысыкка да, суукка да ылайыкталып жасалгандыктан жайкы шамалга да, кышкы бороонго да туруштук берет, атка же төөгө жүктөп тез көчүп-конуп жүрүүгө да ыңгайлуу. Боз үй байыркы мезгилдин эстелиги – Авраам, Яковдун «Эски осуяты» сымал эле эстелик. Ушул жөнөкөй турак жайда кыргыздар турмушка ыраазы болуу менен чың ден соолукта жашап жүрүшөт, бактылуу ырларын ырдашып, той-тамашаларын өткөрүшөт.

Памир кыргыздары мал-жаны менен Ыранкөл, Аксуу дарыяларынын айланасындагы Аличур, Кудары, Көкжар өрөөндөрүндө көчүп-конуп жүрүшөт.

Айрым өзгөчөлүктөрүнө карабастан алар алайлыктарга абдан окшош келишет. Алардын көбүнүн жүзү жылуу келип, кара сакал менен көрктөнүп турат.

Памирдик кыргыздар – чыныгы көчмөндөр. Эч нерседен бейкапар, ышкырган тоо шамалынын, ызгаардуу тоо суугунун арасында жашап жүрүшөт, кышында да кээде жыртык боз үйдө жашашат.

Жайкысын алар бийик тоолорго чыгышат да, жаңы жайыттарды пайдаланышат. Айран, сүт ичишет, быштак жешип, топоздун майлуу сүтүн жакшы көрүшөт.

Памирдиктер нанды күз маалында гана жешет, аны Шугнандыктардан тузга алмаштырып алышат. Эт да алардын дасторконунда аз болот. Алардын бардык болгон байлыгы – эки-үч жылкысы, беш-алты жандыгы, көчүп жүрүү үчүн керек болгон унаа катары эсептелген төө же топоздон башка эч нерсеси деле жок. Аларга кээде Кашкар – Ферганадан соодагерлер келишип, кездемелерге, ар түркүн үй-жай эмеректерине жүн, терилерди алмаштырып алып кетишет.

Алайлыктарга караганда памирдик кыргыздын турмушу начар. Ал бир жагынан жоокер, экинчиден каракчылык кылат – эч кимге баш ийбеген аймакта туруп алышып туш-тарапка кээде кол салып, талоончулук кылып турушат. Көпкө чейин бүт Памир жана Алайды ээлеп, кожоюнчулук кылган Сахиб Назардан баары коркушкан.

Памир кыргыздары жоокердик тыңдыгы менен айырмаланып, дайыма өз коңшулары шугнандыктарга, кашкарлыктарга кол салып турушкан. 1868-жылы алар ал учурда шугнан жана каратегин менен согушуп жаткан Кокон хандыгынын бийлигине баш ийишкен. Кашкарда Якуб бек бийликке келген соң анын карамагына кошулушкан. Бирок Кашкар кытайлыктарга кайтарылгандан кийин памирдик кыргыздар кайрадан эч кимге баш ийбей калган. Ошентсе да Кударда жана Көкөй белсууда жашаган кыргыздардан башкасы кытайга карап, 1891-жылга чейин үч колбашчыга баш ийип турушкан. Мужи дарыясынын өрөөнүнүн беги Алайчы бек Ыраң көлдүн чыгыш жагын башкарса, анын колунда 50гө жакын боз үй болгон. Күрүмчү бектин кол алдында 150 боз үй болуп, Мургаб, Аличур, Пшарт өрөөндөрүн ээлеген. Аксуу жана Ыстык дарыяларынын бойлорунда 100 боз үйү менен Маткасым бек жайгашкан. Анан Сахиб Назарга баш ийген 40 боз үй Кудар, Көкжар, Көкөйбелсуу өрөөндөрүнүн ар кайсы жерлеринде чачкын жайгашкан. Бардыгы болуп алар 340 боз үйдү түзүшкөн, же башкача айтканда, 1700 түтүн эли бар болгон. Кытай өкмөтү алардан налог алган эмес, бирок аларга тоонун ар кайсыл өткөөлдөрүн чөп катары кайтарууну тапшырышкан.

Памирдиктер Якуб бектин армиясында кызмат кылабыз дегендиктен, алар закон боюнча Кокон хандыгынын эли катары кала беришкенин көрсөтөт, ошондуктан Россия аларды өзүнө кайта кабыл алууну чечкен. 1891жылы полковник Ивановдун Памирге жасаган биринчи экспедициясынын учурунда алар Россиянын карамагына өтүшкөнүн билдиришкен.

Биз мурдараак айтып өткөндөй, Памир кыргыздары каракчылыкты кесип катары тутушкан. Атактуу Сахиб Назар жөнүндө укпаган эч бир саякатчы же изилдөөчү болгон эмес – анын кол алдында Индиядан, Кытайдан Түркстандан качып келишкен каракчылар бандасы топтолушкан эле. Ал Сахиб Назар Памир аймагын бүт жойлоп бүткөн соң Кудар өрөөнүндө, Мургаб дарыясынын боюнда орун алган.

Анын даңкы жүздөгөн чакырым алыска таркаган. Ал жөнүндө Памир жергесинде көптөгөн уламыштар айтылып жүрөт. Маселен, Соодагертөбө деген жерден Сахиб Назар соодагерлердин кербенин тосуп, карактап алып турган. Бир жолу ушул жол менен өтүп бараткан бай кербендин жолун тостуруп, буктурмага жигиттерин коёт да, өзү кедейдин кейпин кийип, кербен башыга кызмат кылып жүрүп олтурат, кийинчерээк ал кербен башынын ишенимине аябай кирет да, ага жылкы кайтартып коюшат. Буктурмага жакындаган соң ал кербендин аттарын бүт айдап кетет да, өзүнүн жигиттерин чакырып келет, соодагерлердин баарын өлтүрүп, мал-мүлкүн талап алат. Анын эр жүрөктүүлүгү, айлакердиги чексиз болгон. Бул жөнүндө дагы бир мындай окуядан билсе болот: орустар Фергана өрөөнүн ээлеп алышкан соң ал он чакты жигити менен Чоң Алай кыргыздарына кол салып, бир нече адамды өлтүрүп, алардын миңге жакын жылкысын кууп кетет.

1891-жылы полковник Громбчевский Сахиб Назарга жолукканда ал чүкөдөй болгон арык, куник чал болуп калган кези экен: ал талап-тоноо үчүн Россия, Кытай, Афганистандан алыс жакка бара албай калганына өкүнүптүр. Акырында кудайга сыйынып, өзүнүн балдарына каракчылык кылууну таштоону буйруптур. Чын эле ал үч жылча тынч өмүр сүргөн, бирок ошого карабастан ал жашаган жерден алыста болгон талап-тоноолорду да ошонун колунан келген деп айтып жүрүштү.

Коңшулары анын өкүнүчүн алсыздыгы деп билишип, андан мурдагы кылмыштары үчүн өч алууну каалашкан. Бир жолу анын уулу Кудайназарды алайлык кыргыздар кармап алышып, болушка алып барышмак болушат. Болушка жетсе аны таанып, аягы жакшылык менен бүтпөсүн билген жаш жигит оңтою келе калганда өзүн кайтаргандардын биринин кылычын тартып алып, чаап өлтүрүп, атын тартып алып качып кутулуп кеткен. Ошондон тартып Сахиб Назар кайрадан балдарына уурулук менен жашоого, каракчылык кылып талап-тоноого уруксат берген. Ошентсе да эл Громбчевскийдин орус экспедициясына көп жардам берген – аларды узатып жүрүүчү адам кошуп берип, тамак-аш менен камсыз кылган. Андан тышкары ал мурдагы орус экспедициялары – Северцов, Путяты жана бир туугандар Грум-Гржимайло жөнүндө жакшы сөздөр менен эскерген. Өсүп-өнүгүүнүн шарттарында да кыргыздар өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнүн, жашоо салттарынын өзгөчөлүктөрүн азырга чейин сактап калышкан. Бирок алар көпкө чейин ушул бойдон жашашабы? Алар сыяктуу Уралдан, Сибирден Сыр дарыя өрөөнүнө чейинки улуу чөлдүн көчмөн эли азыр европа маданиятын кабыл алышып, өзгөрүп жатышпайбы. Орустар менен катнаш болушуп, казактар өз салттарын гана эмес, улуттук мүнөзүн да өзгөртүштү. Томск, Акмолинск, Семипалатинск, Перовск, Казалинск жана Аулеатада алардын өздөрүнүн мектептери ачылып, өз тилдеринде чыга баштаган газеталары европа жөнүндө, биздин турмуш жөнүндө көп баяндайт. Көптөгөн билимдүү казактар аскер кызматкерлери, чиновниктер, мугалим болушуп, орус армиясында иштерди аткарып жүрүшөт. Азыр алар азиялык улуттардын улуу көчүн улап, өз жүзүн сактап келатышканына карабастан, бул кыймыл акыры барып кыргыздарды да өзүнө тартары шексиз.

Француз тилинен которгон Леонид СТРОИЛОВ 

                                        А. ЛЕВШИН

КЫРГЫЗ-КАЙСАКТАР ЖЕ КЫРГЫЗ-КАЗАКТАР ТУУРАЛУУ ТАРЫХЫЙ МААЛЫМАТТАР

Кыргыз-Кайсактардын таржымалын баяндоого киришүүдөн мурда бир нерсени өзгөчө белгилеп кетүү шарт. Европада (Россияны кошпогондо) аларга өздөрү жана кошуналары атабаган Кыргыз жана Кайсак деген эки сөздөн турган аталышты ыйгарышат. Кыргыз – бул аталыш Кыргыз-Кайсактар менен карым-катышы аркылуу гана эмес, байыртан бери алар менен касташып, азыркы убакка чейин Кара кыргыздар, Таштын ары жагындагы Кыргыздар жана Буруттар деген ат менен белгилүү болгон элдин аты. Кайсак же Касак деген сөз Казак дегендин бурмаланган түрү. Чыгыштын айрым жазуучулары ырастаганына карасак бул сөз Христтин төрөлүшүнөн да мурда пайда болгон. Бул пикирдин туура же туура эместигин иликтеп отурбастан, орто кылымдардагы Орус урууларынын турмушунун көптөгөн тармактарына таралып кеткен Казак деген аталыш башынан бери эле Кыргыз-Кайсак ордолоруна таандык экенин жана азыр да алар өздөрүн Казак деп гана аташарын белгилегибиз келет. Персиялыктарга, бухаралыктарга, хивалыктарга жана Азиянын башка элдерине алар мына ушул ат менен белгилүү. Кытайлыктар башкы К тыбышын жумшартып Харсак деп айтышат. Россияда да XVIII кылымга чейин Кыргыз-Кайсактарды билишпеген, бирок аларды Казактар, Казак ордосу деп аташкан.

Өздөрүнө анчалык мүнөздүү болбогон жана өзгөртүлгөн атты казактардын алып калыш себебин аныктардан мурда анык, нагыз, нукура Кыргыздар же жогоруда айтылган Кара кыргыздар (Жапайы Кыргыздар, Буруттар) тууралуу түшүнүк бере кетүү абзел.

Бул элдин пайда болуу мезгили Түрк тарыхынын эзелки, тээ байыркы түпкүрүнөн башталат.

Өгүз хандын неберелеринин бирөө Кыргыз деп атал гандыгын, ошондуктан кыргыздар анын тукуму болуш керектигин Абулгазы-Багадур айткан. Бул маалымат тарыхын чындык эмес, бирок өздөрүнүн аталышын уруу башчыларынын же башкаруучулардын аттарына байланыштырган Азиялык көптөгөн элдердин таржымалын чечмелөөсүн туураганга жатат. Айтмакчы, түпкү теги кандай болгон күндө да кыргыздар Азиядагы элдердин эң байыркыларынын бири. Азиянын Түндүк-Чыгышында көчүп жүргөн Ту-хю деген ат менен белгилүү болгон түрктөрдүн улуу ханы Дизавулга Христос төрөлгөндөн кийинки 569-жылы Император Юстин II тарабынан жиберилген Земарк андан кетип жатканда тартуу катарында Хергис же Кыргыз уруусунан кул алган. Кыргыздар Чыңгыз хандан алда качан мурун эле күчтүү эл болгондугун, алардын ханы Урус Чыгыштын багындыруучуларына өз ыктыяры менен өткөндүгүн Абулгазы эскерип, алар Селенге жана Икарь-Мурань дарыяларынын ортосун мекендешкен деп болжолдойт. Фишердин пикири боюнча Икарь-Мурань азыркы Хуаньхэ. Ал эми Абулгазы-Багадурдун эски француз жана орус котормолорундагы Икарь-Муранды Клапроть түп нускасында Уйгурь-Мурань дарыя деп окуп, аны Енисей дарыясы катары кабыл алган.

Эгер Фишердин пикирине кошулсак анда Чыңгыздан анын баласы Таулайга же Тулиге калган кыргыздар мекендеген жерлеринен кийин ооп кетишкен деген тыянакка келебиз. Муну Рубруквись (же Руисбрук) да ырастайт. Анткени Мангу хандын борбору Каракорумга 1254-жылы келгенде ал кыргыздарды Чыңгызга чейин жана анын убагында мекендеп турушкан жери Хуаньхэ же ИкарьМурань менен Селенганын ортосунан эмес, Каракорумдун түндүгүнөн жолуктурган. Демек, кыргыздар Россиялыктар Сибирди багындырып алган учурдагы аймактарда жашап турушкан.

Фишер Кыргыздардын Икарь-Мурандан түндүккө карап жер которушу Гобиль баяндап жазган Угадай менен Тулинин тукумдарынын ортосундагы отуз жылдык согуштун мезгилинде болгон деп эсептейт. Бул пикирге биз жогоруда келтирген Руисбруктун кабары кайчы келет. Анткени ал Чыңгыздын тукумдарынын ортосундагы отуз жылдык согуш болордон алда канча мурда Монголдордун жергесине саякаттап кыдырып келип кыргыздарды жаңы турагынан тапкан. Ал эми Абулгазы-Багадурдун тарыхында эскертилген жерди Г. Клапроть таптакыр башкача түшүндүрүп кеткен. Ал биз байкагандай, биринчиден, Татар текстиндеги Икарь-Муранды Уйгурь-Мурань деп окуйт; экинчиден, ушул Уйгур-Мурань, же Уйгурь дарыясы Енисей деп эсептейт жана ушуга таянып, кыргыздар Чыңгыз хандын убагында эле ушул жерде, кийинчерээк Сибирди басып алуусунда орустар жолуктурган жерлерде жашашкандыгын ырастайт. Бул пикирди бекемдөө үчүн ал 1280-жылдан 1367-жылга чейин падышалык кылган Кытайлык Юан династиясынын тарыхчыларынын жазгандарынан маалыматтарды келтирет. Кытайлыктардын сүрөттөп жазганына караганда кыргыздардын өлкөсү Пекинден 10000 ли (2 ли – 1,07 км ге жакын) аралыкта Түндүк-батыш тарапта узундугу 1400 лиге жетип, туурасы узундугунун дээрлик жарымына барабар болгон. Бул өлкө аркылуу Анг-Кола (Ангара) дарыясы менен кошулуп, Түндүк-батыштагы деңизге куйган Киань дарыясы агып өткөн. Муну Г. Клапроть жогорку бөлүгү азыркы кезге чейин Кемь деп аталган Енисей дарыясы деп эсептейт. Бул өлкөнүн Түштүк-Батышында О-пу (Обь) дарыясы, Түндүк-чыгышын карай Обдун куймасы Юсь дарыясы агып жаткан. Сибирди орустар ээлеген учурда Кыргыздардын негизги конушу дал ушул Юсь дарыясынын боюнда болгон.

Бул ырастоолорго Г. Клапроть Кытай тарыхчыларынын дагы мындай маалыматын кошот. Алардын бир добуштан билдирүүлөрүнө караганда, Монголдордун учурунда Кыргыз деп аталган эл Тань династиясынын убагында 618-жылдан 907-жылга чейин Ха-кiапу деп аталган. Чет өлкөлүктөрдүн атын атоонун Кытайда кабыл алынган эрежесине ылайык бул сөз Хакас деп айтылууга тийиш. Хойхе же Хойху менен Хакастар бир уруудан чыгышкан жана бир тилде сүйлөшкөн, ал эми Хойхелер Хiуньдан чыккандыктан кыргыздар же Хакастар, албет те, Түрк муунуна киришет. Хан (Нап) династиясынын убагында, же башкача айтканда, Христос төрөлгөндөн эки жүз жыл мурда жана андан эки жүз жылдан кийин ошол эле Кiнь-Куень деп аталышкан. Алар Хакас деген ат менен белгилүү болуп турган замандарда деп улантат Г. Клапроть, алардын кулк-мүнөзү азыркыдай ашкере катаал эмес эле. Ошол кездерде эле алар жазууну билип, Арабдар, Бухаралыктар жана батыштагы башка элдер менен соодасатыкты кызуу жүргүзүп турушкан. Волга менен Дондун боюнда жашашкан Хазарлар менен алар соода-сатыкты өзгөчө көп жүргүзүшкөн. А тигилер болсо өз кезегинде Константинополдун императорлору менен да ошондой эле тез-тез байланышып турушкан. Хазарлар Константин Оессалоникстен Грек жана Славян тамгаларынан турган ариптерди үйрөнүшкөн. Ошентип, бул ариптер алардан Кыргыздарга жетип, Магомет динине өткөнгө чейин алар ошол ариптерди пайдаланган.

Сибирден табылган таштардагы жазуулардагы көптөгөн белгисиз тамгалардын арасында айрым Грек жана Славян тамгаларынын болуш себебин Г. Клапроть ушуга байланыштырып түшүндүрөт.

Бул пикирди иликтөө биздин максатыбызга жатпайт. Бирок азыркы атактуу ориенталисттердин бири Кыргыздардын тарыхын баяндоого булак боло турган Кытай летописинен алынган бир кабарды жарыялагандыгына байланыштуу биз аны ушул жерде пайдаландык. Бул элдин XIV кылымдан баштап XVI жүз жылдыгынын акырына чейинки тагдыры бизге белгисиз. Ал эми XVIII жүз жылдыктын ичинде болсо анын аты Сибирь летописинде көп учурайт. Том менен Енисейдин ортосунда, Ак жана Кара Юсь боюн, Абакандын жанын жана Саян тоолорунун жака-белин мекендеп турушкан жана бирде Россия тарабында, бирде Монголдордун Алтын ханы, бирде Зюнгарлардын тарабына өтүп, дээрлик жүз жыл бою Орустардын жаңы ээликтерине тынчтык бербей талкалап талап-тоноп турушкан.

1607-жылы Сибирь Казактары тарабынан талкалангандан кийин алар Россиянын бийлигине баш ийип бе ришкен. Бирок 1609-жылы ясак (салык) чогултууга жибе рилгендерди өлтүрүшүп, андан соң Чулым волостуна кол салышат.

1614-жылы Орус кызматында турушкан менен салык төлөөгө мажбур болушкан бардык татарларды Россиядан бөлүнүүгө көндүрүшөт жана ошол эле жылы Томскинин айланасын тыптыйпыл кылып талкалап тоноп кетишет. 1619-жылы Монголдордун Алтын же Алтан ханынын бийлиги астында өтүшөт.

1622-жылы Кузнецкиге кол салышып, Обинскилик татарларды жана азыркы Томск уездин чаап алышат.

1628-жылы Арын жана Кач татарларын Краснояр Острогун куруп жатышкан орустарга кол салууга тукурушат.

Чыңдоо курулуп бүткөндө өздөрүнө жакын жерге чеп курулуп калганынан сестенишкен кыргыздар Россиялыктардан чочулашып, салык төлөй башташат да, Алтын хандан бөлүнүүгө убада беришет. Бирок мында монголдордон коргонуу үчүн Камчик дарыясында чеп куруп берүү шартын коюшкан. Буга карабастан алар 1630-жылы Красноярскинин айланасын кайрадан бүлгүнгө салышат. Жазалангандан соң кайрадан салык төлөшүп, аны мындан ары төлөп турууга убада беришет. Бирок биротоло баш ийип, ант берүүнү каалашкан эмес. 1633–1634-жылдары өздөрүнүн князы Бехтен менен Кузнецкинин алдына чейин келишип, анын айланасын талап тоношот. Ошол эле учурда алардын башка бөлүгү Красноярскинин жака белин бүлгүнгө салган.

1635-жылы кыргыздар кайрадан эки шаарга кол салышат. Бирок чабуулдары оңунан чыкпай калган.

1642-жылы Зюнгардын ээси Батурь же Багатурь орустар менен болгон сүйлөшүүдө кыргыздарды өз букараларым, а алардын княздарын болсо туугандарым деп атаган, мында ал бир нече жыл мурда кыргыздар менен түзгөн келишимине таянган.

1646-жылы Батурга жиберилген Боярдын уулу Данила Аршинскийге кыргыздар бөлүнгөнү менен алар өздөрүн Россиянын карамагында деп эсептей тургандыктарын түшүндүрүү милдети жүктөлгөн.

1652-жылы Алтан хан жоокерлери менен кыргыз дардын жерин басып, аларды багындыргысы келгенде көпчүлүгү Орус чегине качышат жана россиялыктардын Монголдор менен болгон сүйлөшүүсү аларды сактап калат. Бирок бул алардын оор тагдырынын алгачкысы эле. Анткени Алтан хандын уулу жана мураскору Лобзань же Лоузань (монголдордо Лобзань-Ту-шету-хан) 1657-жылы күчтүү кол менен кыргыздарды биротоло басып алат. Бирок кыргыздар ага канча мезгилге чейин баш ийип, моюн сунуп турганы белгисиз, бирок орустар жана Зюнг ар Калмактары алар (кыргыздар) менен нечен жолу салгылашып, мизин кайтарууга аргасыз болуп турушканы ырас.

Акыры, XVII кылымдын аягында же XVIII жүз жылдыктын башталышында зюнгарлык Хонь-Тайдзи Россия мамлекетинин макулдугу менен аларды Андед-жан же Аныңзичжан менен Кашкардын ортосундагы тоолорго көчүүгө аргасыз кылат.

Мына ушул акыркы конуш которуу жөнүндөгү биринчи маалымат тарыхка күбөлөр, атап айтканда, орустардын туткуну болушуп, XVIII жүз жылдыктын башталышында Сибирде жашаган Швед офицерлери тарабынан киргизилген.

Алар кыргыздардын каякка көчүрүлгөндүгүн так айтышпаса да, ал жердин Индияга жакын экендигин болжолдошкон. Кыргыздардын жер которгонун Фишер деле ырастаганы менен алардын кайда жайгашканын чечкиндүү көрсөтө алган эмес. Бирок кийинки ачылыштар жана орустардын Орто Азия менен болгон соода байланыштары кыргыздардын Анжыян менен Кашкардын ортосунда же болбосо азыркы Кокон ханы менен Кичи Бухаранын эзлигинин аралыгында, кытайлыктар Яркен, Кашгар, Уш деп, ал эми ошол жерлерде соода кылуучу орус татарлары Алатау, Актау, Кыргызтау деп атаган тоолордо жашарын окумуштуулар чөйрөсүндө эбак далилдешкен.

Соңку мезгилдеги кытай географтары деле ушуну жазышат. Болгону алар Кыргыздарды буруттар деп аташкан. Бул эки аталыш тең азыр бир элге таандык. Бирок Буруттар менен кыргыздар дайыма эле бир эл болгон деп кесе айтуу кыйын. Кытай тарыхчыларынан шилтеме, көчүрмө келтирүү менен байыркы кылымдарда кыргыздардын Түштүк Сибирдин бөлүгүн ээлеп турушкандыгын биз көрсөттүк. Ал эми буруттар тууралуу Тай-Цин-и-тунши деп аталган Кытай географиясынын жаңы басылышында мындай маалыматтар бар: «Түндүк Хуйлер ээлик кылып турганда азыркы буруттардын жеринде жашаган эл По-лу, ал эми Танг династиясынын убагында Пу-лу, же По-лю деп аталган. Ал өз ара Чоң жана Кичине Пу-лу болуп бөлүнгөн. Мурда ал эл ушул өлкөнүн түштүк тарабындагы тоолордун түштүк жагында жашашып, кийин анын түндүк тарабына өткөн. Тангдардын мезгилинен бери кытайлардын алар менен мамилеси жок».

Ошол китептен андан ары төмөнкүлөрдү окуйбуз. «Полу деген аталыш Бору менен окшош, демек, Пулу эли буруттар экендигинде шек жок. «Мындан буруттар Христос төрөлгөндөн кийинки V жана VI жүз жылдыктарда эле азыркы турган жерлеринде жашашкан деген тыянак чыгат. Кыргыздар алар менен Түштүк Сибирден куугунтукталганда аралашып кеткен болуу керек.

Кытай географтары азыркы буруттарды чыгыш жана батыш деп экиге бөлүшөт. Чыгышындагылар Аксуу шаарынын ээлигине, Түндүк-чыгышында Или провинциясына чейин жайгашышып, беш муундан турушат. Булардын батыш жагында жашашып, Түштүк-чыгыш тарабы Тсунгь-мингь тоолору менен курчалган Батыш буруттар 15 муунга бөлүнүшөт. Тигилери да, булары да өткөн жүз жылдыктын ортосунда Зюнгария багынгандан кийин Кытайга баш ийгендердин катарына киргизилген. Бирок бул баш ийүү Азияда адатта боло жүргөндөй чындап баш ийип берүү болгон эмес.

Кытайга жасаган саякатында Г. Тимковский буруттар туурасында кытайчадан которулган мындай маалыматтарды жазган.

«Кергиздер, кытайча Буруттар, Чыгыш Түркстандын батышында жашаган көчмөн эл. Аньцзичжан менен Кашхардын ортосундагы кеңири аймак алардын жери. Алар өз башчыларын Бий деп аташат. Кээ бир бийлердин 10–20, башкаларынын 20дан 30га чейин улусу бар. Улустагы кишилер алардын кулдары болуп эсептелет. Кергиз деген ат көптөгөн Ордолорго бөлүнгөн элдин аты. Ар бир Ордонун өз бийи бар. Алардын бийлиги мурас катары берилет жана бирине бири айрым учурда гана болбосо көз каранды эмес. Кыргыздар чачтарын такырайта алдырып жүрүшөт, чочконун этин жешпейт, жеңи тар көйнөк жана төбөсү жалпагыраак келген төрт талаалуу тебетей кийишет. Аялдар тебетейлерине кыргоолдун канатын тагып кооздошот. Каада-салты жана тили Чыгыш Түркстандагыдай эле, болсо бир аз гана айырмачылык бар. Боз үйлөрдө жашашып, мал багышат, эт алардын негизги тамагы да, кымыз болсо Одуттар же Зюнгарлардай эле шарап катары ичилет. Кытай фарфорун, чайды, гродетураларды, холстторду (кездемелерди), тамеки менен шарапты жакшы көрүшөт жана буларды кымбат баалуу деп урматташат.

Кыргыздар жарды, бирок өлүмдөн кайра тартпаган тайманбас, майда-чүйдөсүн ойлобогон талоончул жана согушта баатыр эл. Хакастар менен Бедурлар алардан коркушат, ал тургай Зюнгарлар да өз ооматы журүп турган кезинде аларды баш ийдире алышкан эмес. Алар чет өлкөгө сапар чеккен Чыгыш түркстандыктарды да, Чыгыш Түркстанга Чоң Бухарадан келишкен чет элдик көпөстөрдү да талап-тоношот. Кытайлыктар Батыш тарапты багындыргандан кийин гана кыргыздар өздөрүнүн талоонун токтотушат. Алардын бийлери берген жылкыларын сарайына чейин жеткирүүгө руксат сураш үчүн Уш шаарындагы манжур генералына ар жыл сайын өздөрүнүн аксакалдарын жөнөтүп турушат.

Цянь-Луньдун 23-жылы (1758) козголоңчу Хочжам менен болгон согушунун убагында Империянын улуу күчүнөн корккондуктан Кашкардын жанында көчүп жүргөн бир бий Хочжамга 19 султаны менен каршы аттанып, аябай салгылашкандыгы үчүн Бешбалек шаарынын судьялыгына (казылыгына) көтөрүлгөн. Ага баш ийген княздар да ар кандай даража наамдар жана тоту куштун канаттары менен сыйланышкан. Азыр анын карамагындагылар Яркян, Кашхар жана Уш тоолорунун ички тарабында көчүп конуп, беймарал мал багып жүрүшөт».

Бул маалыматты келтирген себеби жапайы кыргыздар жашап турган өлкөнүн ордун тактоо максатында берилди. Ал эми Си-юй-вынъ-цзяньлу китебин жазгандардын этнографиялык маалыматтарын анча деле так деп эсептебейбиз. Жогоруда биз келтирген үзүндүнү ким окубасын буруттар 1756-жылы тайманбас талоончулардан коркунучсуз коңшуга жана карапайым дыйканга айланышканы менен бул эл өткөн кылымдын экинчи жарымында жана азыр деле мурдагысындай каардуу, коркунучтуу бойдон калышканын тажрыйба ырастап көрсөттү. Буга ынаныш үчүн тургуттардын Россиядан Кытайга 1771-жылы качышын сүрөттөп жазган кытайлык князь Цишинин эмгегине кайрылалы. Г. Липовцовдун котормосундагы текстти окуп көрөлү. (Бул котормо 1820-жылы Сибирь вестнигине жарыяланган.)

«Жакшылык кылуу дегенди жек көрүшкөн буруттар тектеш, бардык жакын элдерден таш боордугу жана жырткычтык мүнөзү менен өзгөчө айырмаланышат. Алар дайыма ат жалында болуу менен талап-тоноп жана кан төгүп жүрүшкөндүктөн эч качан курал-жарактарын ташташпайт. Каардуу ушул варварлар өздөрүнүн чегине жакындап келаткан тургуттардын кабарын угушканда укмуштай кубанычка батышкан. Алар улустан улуска сүйүнө чапкылашып, бири-бирин чоң майрам күндөрүнөн бешбетер куттукташкан».

Сибирь менен Оренбург тарапка соода кылуу үчүн келатканда жапайы кыргыздардын чегинен өтүшкөн жана алардан жапа чеккен азиялык көптөгөн бактысыз көпөстөр кыргыздар дале болсо мурдагысындай башкалардан өзгөчөлөнгөн өздөрүнүн катаал мүнөзүн жана олжого суктугун сактап калышкандыгын ырасташат.

Жогоруда айтылган Сибирь жазууларын эске алуу менен, Г. Клапроть буруттарды Казак Ордолорунан айырмалаш үчүн чыгыш кыргыздары деп атап, казак Ордолоруна батыш кыргыздары деген аталышты берген. Ал чыгыш кыргыздары Кытай Түркстанына өткөн жүз жылдыктын башталышында Обь менен Енисейдин ортосундагы мурдагы турактарынан кеткендигин жазат.

Азиялык бул элди азыр кара кыргыздар жана буруттар деп аташат, ал эми Орустар бул эки аталышка дагы: жапайы кыргыздар (дикие киргизы) жана Тоонун ары жагындагы Кыргыздар (закаменные киргизы) деген эки аталышты кошушту. Алардын кыргыз-казактарга караганда алда канча баатырдыгы жана көпөстөрдүн кербендерин тоноо учурундагы каардуулугунан улам андан да коркунучтуулугу жапайы деп атоого негиз берген. Тоонун ары жагында деп аталышы алардын тоодо жашаганынан болгон. Анткени саякатчылардын ырастоолоруна караганда ташта (в камне) жана таштын ары жагында (за камнем) деген сөздөрдү Сибирде тоолор деп түшүнүшөт. Ошондуктан, Бийск уездинин Томск губерниясындагы тоолуу жерде салык төлөп жашоочу дыйкандар Каменщиктер (Ташчылар) деп аталып калышкан.

Байыркы же нукура кыргыздардын Сибирдеги шаарларды, айылдарды чаап, тоноп алуулары Россиялыктардын жүрөгүнүн үшүн алып, үрөйүн учурган жек көрүндүлүккө айлангандыктан алардын аталышын сөгүп-тилдөө, коркутуу катарында Казак Ордолоруна ыйгарышкан. Анткени Казак Ордолору да кыргыздардан кийин Сибирдин түштүк тараптарына күтүлбөгөн кол салуулары менен көптөгөн залалдарды келтиришкен болчу. Айтмакчы, Татарлар менен Монголдордун башка көптөгөн уруулары өздөрүнүн алсыздыгынанбы же болгон мүнөзүнөн уламбы, жанаша жашап жаткан Орустар менен кагылышууну каалашкан эмес. Кыргыз-Кайсак деген аталышка дагы бир шарт себеп болгон. Эгер бул эл казак деген эле аталыш боюнча калса анда сүйлөшүү учурунда аларды Сибирдин жаңы ээлеринен айырмалай билүү кыйынга турмак, Анткени Ермактын өзү жана анын шакирттери менен тукумдары казак болгон.

Ушул себептерден улам биздин XVI жана XVII жүз жылдыктардагы летопистерде Казак Ордолору катары белгилүү Ордолордун Казак деген аталышына Кыргыз деген ат сын атоочтук мааниде кошулган. Ошентип, а дегенде Кыргыз-Казак, андан соң Кыргыз-Касак жана акырында Кыргыз-Кайсак деген түшүнүк келип чыккан.

Мына ушуларга негизденип биз, бурмаланган Кайсак деген сөздүн ордуна Казак деп алууну, демек, Кыргыз-Кайсак жана Кыргыз-Кайсак Ордолорунун ордуна КыргызКазак же Кыргыз-Казак Ордолору деп айтуу жана жазуу туура деп болжолдойбуз. Ушинтип, бул элдин өзүнүн нукура атын сактоого болот. Экинчи бөлүгү анын нукура аталышын билдирсе, биринчиси россиялыктар койгон ат катары же сын атооч катары кала берет.

Сөз болгон жаңы аталыш негизинен XVIII жүз жылдыктын башталышынан бери колдонулууда. Бирок 1740жана ал турмак 1760-жылдарда Казак Ордолору жана Кыргыз-Казак аскерлери деген сөздөр тышкы иштер коллегиясы менен мурдагы Оренбург губерниялык Концеляриясынын архивинде сакталып турган документтерде учурайт. Көп бөлүгү Улуу Петрдун эрки менен Россиядан алынган маалыматтардын негизинде жазылып, 1705жылы Амстердамда жарык көргөн Витсендин китебинде азыркы Кыргыз Ордолору Казак Ордолору же Татар Казактары деп гана аталган.

                         В. В. РАДЛОВ

СИБИРДЕН 1862-ЖЫЛДАГЫ САЯКАТТЫН КҮНДӨЛҮГҮНӨН

Орус географиялык коомуна 1869-жылы жасалган кыскача отчеттон дагы бир үзүндү:

Алтын эмелден Верный шаарына чейинки почта жолу менен өткөнүмдө мурдагы көргөнүмдөн көп деле нерсе өзгөрбөгөнүн баамдадым. Жакында эле негизделген калааны эми гана кеңейте башташыптыр.

Верныйдан чыгып Кастек капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарына барып, кара кыргыздардын сарбагыш жана солто урууларынын айылдарында дээрлик бир ай жашадым. Ал жердеги саздардын арасында, алардын зыяндуу буулануусунун астында калуу өтө опурталдуу эле. Ошондуктан, менин жол көрсөткүч шеригим келте менен ооруп калды. Таң каларлык нерсе: кара кыргыздардын мамлекеттик тартиптин эрежесине ушунчалык тез көнгөндүктөрүндө эле. Бир аз жыл илгери кербендердин үшүн алчу бул эл азыр тынч, беймарал жашап жаткандыктан мен өзүмдү алардын арасында эч күзөтсүз эле ээн-эркин сездим.

Токмок шаары өтө ыңгайсыз жерге жайгашкан; кимдир бирөөнүн ушундай жерди калаа куруу үчүн жоктон тапкансып тандаганына таң каласың.

Кокондуктардын мурдагы чеби Токмок түштүк тараптагы тоолордун этегине, түндүктөн болуучу кол салуудан түштүк капчыгайды коргоо үчүн курулган. Биздин чыңдоо дал Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан гарнизондун жарымы дайыма ооруканада жатат. Токмоктон чыгып Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көлгө сапар чектим. Каракол чебинин айланасында бир канча убакыт болуу максатында Ысык-Көлдүн түндүк жээги менен атчан жөнөдүм. Көлдүн күзгүдөй жаркыраган бети сапар тамам болгончо саякатчынын карегинен үзүлбөйт. Көлдүн туурасынын өтө кеңдигинен улам ары жээгине көз жетпейт жана суунун көгүлтүр түсү менен көк асман айкалышып, алыстан каалгыган күмүш булуттарды элестеткен улуу Тянь-Шань тоолорунун курамынын кучагына сиңип кеткенсийт. Ал эми айланадагы табияттын көрүнүшү болсо улам өзгөрүп турду. Бирде кеңирсиген көк жайыктар кездешсе, кээде чокусу асман челе салаңдаган аскалар, бирде эч нерсе өспөгөн тоо этектери, же тоо суулары күркүрөп агып жаткан токойлуу капчыгайлар учурап жатса, ал эми оң тараптагы көлдүн ажайып көрүнүшү өзгөрүүсүз.

Чүй дарыясынан Торуайгырга чейинки көлдүн түндүк жээги түшүмдүүлүгү менен айырмалангандыктан, азыр Ала-Тоонун капчыгайларына которулуп көчүп кетишкен кыргыздардын айдоо талааларына айланган. Торуайгырдан Аксуу дарыясына чейин таштак талаа созулуп жатат. Бул аралыкта өсүмдүктөр тоо сууларынын жээктеринде эле өскөнүн көрөсүң. Аксуудан баштап түндүккө карай көбүнчө калың арча тоолуу жылгалар башталат. Мындай көрүнүштү ээн жаткан эрме талаадан чанда гана көрүүгө болот. Ал эми көл боюндагы ойдуңда ал турмак шалбаа жана түшүмдүү талаалар бар. Бул жерде кара кыргыздардын сарбагыш жана бугу уруулары кыйла эле көп жашашат. Көлдүн чыгыш тарабынын эң четинде келгин орустардын жаңы эки кыштагы салынып жатат – бири Түп суунун куймасында, экинчиси андан ары сегиз чакырым батыш тарабында.

Дыйкандар бул аймакты макташып, жердин токойго, чөпкө бай экендигин жана балыктын көптүгүн айтышты. Мындан тышкары бул жердин кыртышы дыйканчылыкка өтө ыңгайлуудай туюлат. Антсе да бул аймактын бийиктикте жайгашуусунан улам буудай кеч бышат шекилдүү.

8-августта бул кыштактар аркылуу «өтүп баратканымда талаадагы буудайлардын башы жашыл, дүмбүл бойдон турганын көрдүм.

Түп кыштагында мен күтүүсүздөн сыркоолоп калгандыктан Каракол чебине жете албай калдым. Бул жерде эки күн кыргыз айылында жаттым. Аябай катуу ооруганга карабай өзүмдү дыйкандын арабасы менен Караколго жеткирүүнү айттым. Каракол – жаңыдан түптөлө баштаган шаар. Аны а дегенде чыгыш тарапта, Аксуу дарыясынын боюна кура башташып, ал турмак административдик зарыл имараттарды салып бүткөндө гана кышындагы терең күрткүлөрдөн улам бул жердин шаарга ыңгайсыздыгын баамдашкан. Азыр шаарды Караколго которуу жөнүндө буйрук алынгандыктан, биринчи үйлөрдү кура башташыптыр. Чиновниктердин бардыгы алиге боз үйлөрдө, ал эми солдаттар болсо чатырларда жашашат. Экинчи күнү мен өтө коркунучтуу безгек менен ооруп калганымда Аксуудагы госпиталга которууга туура келди. Буерде 24-августка чейин дарыландым.

Доктор Игнатовскийдин жан алакетке түшкөн мээнети гана мени сакайтты. Саз безгеги ушунчалык алсыздандыргандыктан бир нече кадам шилтегенге араң жарадым. Бирок ага карабастан ошол эле күнү, 24-августта мен Аксуудан кеттим. Алгачкы күндөрү атка бирөөнүн жардамысыз мине албасам да, жетинчи күн дегенде дээрлик сакайып, Верный шаарына жеттим. Ал жерде көпкө турбастан Барнаулга кайтып келдим. Бирок 1869жылы жана 1870-жылы Алтайга барганга чейин ушул саз безгеги маал-маалы менен улам кайталап кармап мени кыйнады. Алтайдын таза абасы гана бул дарттан биротоло куткарды.

Түндүк талаанын көчмөндөрү

Түндүк талаадагы жалпысынан кыргыздар деп аталган көчмөн элдер, таптакыр өзүнчө бөлөк эки элге – кара кыргыз жана казак болуп бөлүнөт.

Кара кыргыздар өздөрүн кыргыз деп аташат. Бул аталыштын кырк жана жүз деген сөздүн айкалышынан келип чыгышы жөнүндөгү божомолду мурда айтканым бар (өзбектердин кырк менен жүз деген уруусуна карата айтылганга салыштырыңыз). «Кыргыздар» деген аталыш монгол династиясынан баштап гана эскертиле баштайт. Кыргыздардын тарыхы жөнүндө белгилүү болгондордун бардыгын мен жогоруда чогулткам1 жана Тянь-Шань кыргыздары XIII кылымда эле айтыларын жазгам. Ошон дуктан, Тянь-Шань кыргыздарынын негизги бөлүгү Тянь-Шанда көптөгөн кылымдардан бери эле жашап жаткандыгы толук ырас.

Монголдор бурут, тили тектеш түрк кошуналары – кара кыргыз деп аташчу кыргыздар азыр Тянь-Шандын түндүк тарабында – Текес дарыясынын башында, же тактап айтканда, Ысык-Көлдөн түштүгүрөөк жакта, Чүй өрөөнүндө, Кашкардын түштүк чөлкөмүндө, чыгышында, Кокон менен Таласка чейинки аралыкта жашашат. Кара кыргыздардын саны өтө көп болушу мүмкүн. Алар: оң жана сол деп экиге бөлүнөт.

Оңу алты урууга бөлүнөт.

  1. Текес дарыясы менен Ысык-Көлдүн чыгыш жээгинин ортосунда көчүп жүрүүчү бугу уруусу. Мага бугу уруусунун төмөнкүдөй уругун айтып беришти: челек (манаптар уруусу), торго, бапа, желдең, такабай, боор, дөөлөс (өтө эле аз) кыдык, коңурат (көп эмес), моңолдор (көп эмес), саяк (көп эмес), шыкмамат, каба, асан тукуму, күчүк, сарыке, ондон (акыркы төртөө 1862-жылы Кытай ээлигинде болчу, калгандары орустарга өткөн: эми бугунун баары орус тарапта).
  2. Ысык-Көлдүн түндүгү мекен чыгышында көчүп жүрүүчү сарбагыш уруусу. Алар 1860-жылы Россия бийлигин тааныганы менен Коконго салык төлөшчү, эми бардыгы Россияга кошулушкан. Сарбагыш уруусунун төмөнкүдөй урук аттарын айтып беришти: саруу, каба, моңолдор, шыкмамат, саяк, азык, дөөлөс, коңурат, мундуз, кытай жана жетиген. (Алтайлыктарда да көп учурай турган дөөлөс жана мундуз урууларына өзгөчө көңүл бөлүүңүздөрдү өтүнөт). Коңурат – кийинчерээк кыргыздарга биригип кеткен, казактарга бөтөн түрк урууларынан болгондугу анык. Кытай – кебетеси, кыргыздар менен аралашып калган өзбектер окшойт.
  3. Солто уруусу Чүй дарыясынын түштүгүндө көчүп жүрүшөт жана мурда Коконго баш ийчү, азыр Токмок районуна караштуу. Солтодо төмөнкү уруулар бар экенин уктум: жетиген, кучу (кушчу), саруу, моңолдор, кытай, мундуз, азык.
  4. Анжиян дарыясынын боюндагы адыгене уруулары мен 1869-жылы Ысык-Көлгө барганда деле Кокондун бийлигинде болчу. Бул жерден мага сегиз урууну аташты: дөөлөс, саруу, коңурат, моңолдор, мундуз, саяк, каба жана шыкмамат.
  5. Чоң багыш уруусу Кашкардын батыш тарабында көчүп жүрүшөт, алар мурда Коконго баш ийишчү. Мага: аскалы, торо, (төрө), мачак, үч тамга, кандабас, кош тамга, куан дуан деген урууларды айтышты. (Торо уруусунун телеуттарда да кыйла басымдуулугун, ал эми үч тамга жана кош тамга уруулары өзбектердики экенин белгилөө керек).
  6. Черик уруусу Кокондун карамагында болгон. Мага эки эле уруунун атын айтып бере алышты: ак чубак жана бай чубак.

Сол тобунун саны оң топко караганда бир кыйла аз. Алар Талас дарыясынын алабында көчүп жүрүшөт жана мындай уруулардан турушат: саруу, беш берен, мундуз, төңтөрүп (тёнттёрүп), кушчу, күркүрөө, жетиген.

Кара кыргыздардын канча экени жөнүндө так маалымат бере албайм, анткени мен Ысык-Көлгө барган кезде ал турмак орус өкмөтүндө да бул тууралуу так статистикалык маалыматтар жок эле. Мага тааныш манаптардын айткандарына караганда Кокон менен Кытайга баш ийген бардык кыргыз урууларын кошуп алганда 80 000 түтүндү түзөт. Демек, бул жарым миллиондон ашык калк дегенди билдирет.

Бугунун жана сарбагыштын айрым бөлүгүнүн санына байланыштуу түзүлгөн статистикалык баяндаманы мага бир орус чиновниги берген эле. Уруулардын жана алардын башчыларынын эсеби алар 1862-жылы Россиянын карамагына өткөндө түзүлгөн. Ушул маалымат калктын сандык катышы боюнча толугураак түшүнүк берет. I. Бугу уруусу (манабы Боронбай).

  1. Арык уруусунун тобу (манабы Токсаба):

а) күчүк…..2 000 түтүн (Төлөгөн бий)

б) ондон…..200 түгүн (Тетей бий)

в) сарыке ….. 200 түтүн (Мунач бий)

г) сары калпак…..100 (Мырза бий) болуп, бардыгы 2500 түтүн.

  1. Бапа уруусунун тобу (Бекбай бий) 300 түтүндөн туруп, мындайча бөлүнөт:

а) чоң чоро…..100 түтүн (Бекбай бий)

б) чылпак…..200 түтүн (Султанай бий)

  1. Белек уруусунун тобу (манаптары: Боронбай, Мураталы, Калыбек) төмөнкүлөрдөн турат:

а) алдаяр…..500 түтүн (Жаныш бий)

б) алдаш…..4000 (манаптары: Боронбай, Муратаалы)

в) токой…..200 (бийи Малабай)

г) токоч…..100 (бийи Жообасар)

д) саты…..30

е) такабай…..170 (бийи Көкчө) болуп, жалпы саны 5000 түтүн.

  1. Кыдык уруу тобу (бийи Борсук):

а) жакшылык…..250 түтүн (бийи Чынгыз)

б) жаманбай…..400 түтүн (бийи Түкен)

в) тургай…..800 түтүн (бийи Койсойбос)

г) Кудайбакты…..300 түтүн (бийи Ботокан) болуп,

жалпы саны 1750 түтүн.

  1. Желдең уруу тобу (бийи Иман):

а) курачбек ….. 400 түтүн (бийи Жаныбек)

б) сары катын…..500 түтүн (бийи Иман)

в) балык…..150 түтүн (бийи Малбак болуп, жалпы

саны 1050 түтүн.

  1. Боор уруу тобу (манабы Табылды):

а) сары боор…..200 түтүн (бийи Бердикожо)

б) кара боор…..200 түтүн (бийи Байкожо) болуп 400

түтүндөн турат. Жалпысынан 11000 түтүн.

  1. Сарбагыш (манабы Үмөтаалы)
  2. Үзөңгүлүү уруу тобу (манабы Үмөтаалы):

а) азык…..600 түтүн (бийи Чил)

б) үзүк…..150 түтүн (бийи Кызалак)

в) чертике…..230 түтүн (бийи Чоду)

г) чагалдак…..150 түтүн (бийи Күчүк)

д) абла…..300 түтүн (бийи Абла)

е) сабар…..100 түтүн (бийи Сара)

ж) чичей…..80 түтүн (бийи Чоро)

з) таздар ….. 150 түтүн (бийи Бердибек)

и) калмак…..350 түтүн (бийи Байсерке)

к) жантай ….. 250 түтүн (бийи Сүйүндүк)

л) жедигер…..540 түтүн (бийи Байбото)

м) аюке…..150 түтүн (бийи Баспан)

н) моңолдор…..350 түтүн (бийи Токтор)

о) жарбан…..125 түтүн (бийи Жүрдесе)

п) жетиген…..400 түтүн (бийи Жанболот)

р) баш күрөл…..600 түтүн (бийи Айылчы) болуп, жал-

пысынан 4925 түтүндү түзөт.

  1. Азык уруу тобу:

а) козугун…..50 түтүн

б) бычман…..60 түтүн

в) буура…..100 түтүн

г) бай күчүк…..300 түтүн болуп жалпысынан 510 тү-

түндү түзөт.

  1. Тынай уруу тобу (манабы Жантай).
  2. Черикчи уруу тобу (манабы Төрөгелди).
  3. Надырбек уруу тобу (манабы Калыгул).

Жалпысынан алганда сарбагыштын 10000ден ашык түтүнү бар экени анык.

Уруулук топтор жана майда топтор дайыма өзгөрүп турушат жана урууларга деле анча бөлүнүшпөйт, анткени кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн таасири менен ар түрдүү айылдарды ээлеп алган атка минерден улам жаңы уруулук түзүлүштөр пайда болот жана кээде ошол адамдын ысымы менен аталып калат. Бирок уруулук жана уруулук топторго жаңы аталыштарды кабыл алышканы менен адамдар өзүнүн чыгыш тек жайын унутпайт. Алсак, жогоруда айтылган кыдыктарга саяк жана черик урууларынан – 300 түтүн кирет, мындан тышкары саяктардын 700 түтүнү крепосттук манаптарга таандык. Жетимиш жылча мурда сарбагыш уруусу: болот, темир, надырбек жана тынай деген төрт топтон турса, эми болсо: үзөңгүлүү, азык, тынай, черикчи жана надырбек деген беш уруудан турат.

Макшеевдин кара кыргыздар жөнүндөгү статистикалык маалыматы:

  1. Сыр дарыя областы Олуя-Ата округу

Саруу уруусу…..1500 түтүн.

Кушчу…..650 түтүн.

Багыш ….. 100 түтүн. Бардыгы 2250 түтүн.

  1. Жети-Суу областы
  2. Токмок округу

Сарбагыш уруусу 6300 түтүн.

Солто 7600 түтүн. Саяк 2000 түтүн.

Бардыгы 15900 түтүн.

  1. Ысык-Көл округу Бугу уруусу 9175 түтүн.

Бардык кара кыргыздар ….. 27325 түтүн.

Эгер ар бир үйдө орточо бештен киши деп эсептелсе, жалпысынан кара кыргыз калкы 150000 дей адамдан турат.

Буерде жазылган бугунун түтүнү мен 1862-жылы көрсөткөн сандан аз, анткени Или өрөөнүндөгү уруунун бөлүгү таранчыларга кетип калган.

Кара кыргыздар

Тили, салты, кийими, жашоо туругунун түзүлүшү жана жашоосунун мүнөзү, турмушу боюнча кара кыргыздар казак-кыргыздардан анча деле айырмаланбайт. Кара кыргыздардын кебетеси казактарга караганда башкача экени анык. Мындай айырмачылыкты мен 1862-жылы Каркыра дарыясындагы кара кыргыздардын бугу уруусунда биринчи ирет болгонумда өзгөчө сездим. Кара кыргыздардын жүзү, бети мага алтайлык тоо калмактар менен телеуттардын бетин элестетип турду. Кара кыргыздардын кийими деле казактардыкынан анча айырмаланбайт. Көзгө урунган бир гана өзгөчөлүү айырмалык кооз боолор менен шырылып тигилген кемселдер, окчонтойлор жана ак кийиз калпактар. Мындай баш кийим казактарда өтө чанда эле учурабаса, ушундан улам кыргыз элине ак калпак деген аталыш кошулуп айтылып калган. Боз үйлөрү деле казактардыкындай ашыкча жасалгаланбагандыктан килемкана саймаланган тесмелери аз. Мындан тышкары ар бир боз үйдүн жанында найза турат, бул көрүнүш казактарда жок.

Кыргыздардын чарбачылыгы да ушул эле кошуналарындай. Негизгиси – мал багуучулук. Бирок кара кыргыздар жылкы менен ири мүйүздүү малды майда жандыктар менен төөгө караганда көп күтүшөрүн айтуу керек. Жылкылары кичирээк жана монгол тукумундагы жылкыларга өтө окшош. Казактар асыроочу төрт түлүк малдан тышкары кара кыргыздар тибет топозун да багышат, Чоң ордонун кыргыздарына салыштырганда кара кыргыздардын малы аз деп айтууга негиз бар. 2000 жылкы жана 3000 кою барларды эле өтө колунда бар адам деп эсептешет.

Кара кыргыздардын көчүп, конуш мүнөзү казактыкынан башкача. Кара кыргыздар айыл-айыл болуп жашабастан, уруулаштар боз үйлөрүн кышында дарыялардын боюна бир бирин улай тигип жашашат. Мындай катарлар кээде жыйырма же андан да көп чакырымга созулуп кетет. Жайкысын ушундай эле мүнөздө улам тоо өрдөй көчүп, конуп отурукташат. Демек, ар бир уруу малын өзүнчө тоо беттерине жайышат. Көчүп, конуунун мындай болушу эки нерседен – бири жаратылыш шартынан, экинчиси бул элдин өтө жоокерчил мүнөзүнөн келип чыккан. Анткени боз үйлөрдүн ушундай жайгашуусу кара кыргыздарга бир нече сааттын аралыгында өз колун толук согуштук абалга келтирүүдө көмөк болот. Балким, казактар да мурун ушинтип көчүп жүрүшкөндүр, анткени бул согуш убагына ыңгайлашкан жападан жалгыз ыкма эле, 1864-жылы солтодо болгонумда чиновниктер мага муну айтышкан. Орустарга биротоло баш ийгенден кийин кара кыргыздар боз үйлөрүн жайгаштыруу тартибин өзгөртүшүп, казактар сымал эле айыл-айылга бөлүнө башташкан.

Мергенчиликке деле негизинен көңүл ачуу үчүн чыгышат. Жалаң мергенчиликти кесип туткандары аз. Бирок алар да жазгы убакта гана, маралдардын мүйүзү жаңыра баштаганда эле мергенчилик кылышат. Маралдардын мүйүздөрүн кытайлыктар өтө жогорку баада сатып алышат. Алгыр куштар менен мергенчилик жасоо казактардыкындай эле.

Кара кыргыздарда дыйканчылык казактарга салыштырганда кыйла өнүккөн. Алар жерди тыкандык менен иштетишкендиктен буудайдын түшүмүн он, он беш эселеп алышат.

Талаалар сугат тармактарына муктаж. Сугат иштерин кара кыргыздар эреже катарында казактардан тыкан жүргүзүшөт.

Бугулардын айдоо талаалары негизинен Тескей, Күнгөй, Тойкөл көлдөрүнүн жээктеринде, сарбагыштардыкы Күрмөнтү жана Кисингир дарыяларынын ортосунда. Кара кыргыздар буудай, арпа жана аштыктардын бир нече түрүн себишет. Атка жем катарында арпа жана аштыктардын өзгөчө түрү колдонулат. Кара кыргыздар аштыктан пивого окшогон ичимдик (бозо) жасашат жана андан арак чыгарышат. Бул аракты кышында ичишет. Ал эми жайында болсо сүттөн арак жасашат.

Алардын башка көр тирлиги, урунган буюм-тайымдары казактардыкындай, бирок аялдары эчкинин тыбытынан аппак кылып кийиз туфли жана өздөрү күбөнөк деп аташкан узун жеңдүү кийиз кемселдерди келиштире жасашат. Казактар мындайды жасай алышпайт. Казактар өңдүү эле кара кыргыздардын бардыгы – мусулмандар (бусурман), бирок казактарга караганда исламды кеч кабыл алышкандай көрүнөт. Татарлардын ырастоосуна караганда кара кыргыздар накта язычниктер (көп кудайга сыйынуучулук), алар көптөгөн ырым-жырымдарды сакташпайт жана сыйынуу, диндин негизги окуулары дегенди билишпейт, ал турмак аларга пайгамбардын ысымы да белгисиз. Бул жарык дүйнөдө алардын жакшы көргөндөрүнүн бири ичкиликтер болгондуктан эч нерсени сезбей калганча ичүүнү макирөөлүк деп деле эсептешпээрин айтышты. Аларда көп кудайга сыйынуучулуктун ар түрдүү салдары дагы эле сакталып калганы шекилдүү. Эркектер да, аялдар да отко сыйынышарын, айтмакчы, ага май куюшарын мага айтып беришти. Мындай кааданы бейшемби күнү тогуз оттун алдында жасашат өңдөнөт. Качандыр бир убакта ыйык, касиеттүүлөр жашаган имиш деп элдик уламышта айтылып жүргөн ыйык жылгаларга эркектер кээде чырак жагарын да айтышат. Мындан тышкары өздөрү тарапта кара кыргыздар үчүн алиге ыйык катары эсептелине турган үч жердин бардыгын бугулар мага айтып беришти: Чүй суусунун башталышындагы Күңгүрөмө тоосу, Койсуу дарыясынын боюндагы Чулпас (Жылбас) тоосу жана Тоостун жанындагы Алабашата тоосу. Өздөрү деле мусулманчылыкты катуу кармашпаган улуу ордонун казактары да ушул адат, ырым-жырымдардын бардыгын бутпарастык же таш балбалдарга сыйынуучулук катары териге баалашат.

Ал эми мен баамдаганымды айтсам, кара кыргыздар өздөрүн анык мусулмандарбыз деп эсептешет жана калмактарга капыр катары карашкандыктан алардан оолактап турушат. Диний жол-жоболордон билгендери анчалык деле жарытылуу эместигине карабай, алар башка диндегилерге казактардан айырмаланып, өтө чоң фанатиктик мамиле жасашат жана өздөрүнүн уламыш, жомок баяндарында дин үчүн болгон согуштар тууралуу айтылат. Мунун бир себеби алардын капырлар менен жакын коңшулукта жашашы.

Алардын диний көз караштарын элдик эпостун бир үзүндүсү эң сонун сүрөттөп берет. Мында калмактын ханы Алман Беттин (Алманбет) исламды кантип кабыл алганы баяндалат (кара сөзгө салынды):

Ысык-Көлдүн жээгинде мергенчилик кылып жүргөн Көкчөгө жолуккан Алман Бет ага калмакча салам айтат. Көкчө анын эмне дегенине түшүнбөгөнүн билгизет. Ага жооп катарында Алман Бет өзүнүн салам дубайын түшүндүрөт да: – Бул дүйнөдөн өтүп, тигил дүйнөгө сапар чеккенде биз үчүн жол болобу? – деп сурайт. Буга Көкчөнүн берген жообу: – Эгер сен мурутуңду кырктырып, сакал койсоң, башыңдагы чачыңды тасырайта алдырсаң, калпагыңдын дөмпөйгөн папигин жок кылсаң, жумадан жумага чейинки жети күндө, жума күндүн өзүн кошуп эсептеген сегиз күндө сен бейишке чыгасың. Кудурети күчтүү Алла Таала кудайым асманга күндүн нурун жаркыраткан, асманга айдын шооласын чачыраткан жана ошолордун деми менен жердеги пенделерин жылыткан.

Анда Алман Беттин айтып турганы: – Эгер мен мурутумду кырктырып, сакалымды жайкалтсам, алтын менен бууланган асаба туулар желбиреп, алтымыш миң кол келет. Ошондо сенин жан-жагың кыңгыраган кылычка толот. Боорунда китеп болсо, мойнуңда куран болот. Ошол куранды мага көрсөткүн, аны менин көргүм келет.

Ошондо Көкчө алачыгын тигип Алман Бетти сыйламак болот. Бирок мейманы мусулманга айланмайын тамагыңдан даам сызбаймын деп баш тартат. Анда Көкчө жогоруда айтылгандарды дагы бир жолу кайталоону сунуш этет.

Алман Бет жолборс сымал сүр кошкон мурутун кырктырып, сакалын коё берип, чачын алдырды. Алдына ыйык

Куранды жайып, аны эч кимдин жардамысыз окуду.

Ошентип Алман Бет жолборс сымал күркүрөп: «Эми мен мусулман болом» – деди.

Ошентип ал Көкчө менен достошот да сапарын улайт. – Өз элиме, жериме барамын, журтума кеңеш саламын. Элим эгер айтканымды укпаса, дегениме көнбөсө мен дүнүйөмдү түгөл чачамын. Кежең деген ойроттун алты канын эгер мен өлтүрсөм кайып болуп качармын. Ошондуктан калкым менин кебимди ук. Жан сакташ үчүн дарыянын агымы боюнча качып кеткен Ойроттун алты баласын, үч атанын балдарын мусулмандар журтуна кошкум келет. Алардын мал-жанын кошо көчүрүп, өзүм кошо мусулмандар арасында жашамакмын деп Алман Бет андан ары атасына жөнөйт.

«Ассалому алейкум, ата!» – деп саламын дароо айтса да эч кимиси алигин алмак турсун, орундарынан козголбой коюшат. Ошондо Алман Бет дал очоктун боюна тура калып муну айтат: – Артымда туяк калбаса да, карыганда перзент сүйбөсөм да бул жарык дүйнө эки жүздүүлүктүн дүйнөсү демекмин. Бардык адал, адилет нерсе тиги дүйнөдө. Ошол дүйнөнүн рахат жыргалы үчүн бул дүйнөдө мээрбандык кылалы. Куранда жазылган кудуреттүү сөздөрдү үйрөнүп, Меке менен бейиштин ортосунан өзүбүзгө орун тилейли. Мусулман бололу, ушул менин айтарым, өзүңөрчө кеңешкиле. Эртең келип, жооп кебиңерди угамын.

Алман Бет эртесинде келгенде атасын мусулман бо лууга дагы чакырып, кечээ айткан сөздөрүнө: – Капырлардын мырзасы болгончо мусулмандардын малайы болгон жакшы, – деп кошумчалайт.

Буга карабастан атасы менен апасы жана бүтүндөй ойрот эли анын айтканына ынабай коюшат. Ошондо жаалданган Алман Бет ата-энесинин журтун таштап чыгат да, калмактар менен болгон кармашта жеңишке жетишет.

Дагы кийинки салгылашка даярданып, өзү көп колдун ызы-чуусундай добуш салса, минген аты миңдеген туяктын дүбүртүн чыгарат. Калпактардан тоо, калмактардын чепкенинен үй жасайт. Болгон өз байлыгын тыйпыл кылат. Ойроттордун нечендеген оёондорун оо дүйнөгө жөнөтүп качып чыгат. Акыры Айдардын уулу кан Көкчөнү ай шооласын тосо кучактап, мусулман болот.

Бул үзүндү негизинен ислам жөнүндөгү жарыбаган түшүнүктөр тууралуу айкындайт. Кара кыргыздардын дин боюнча жалпы түшүнүгү ушул ырда айтылгандагыдан деле кенен эмеспи деген таасир пайда болот. Бирок ошого карабастан адам баласынын жан дүйнөсү не деген гана керемет! Үстүрт, жалпы жонунан гана болгон ушул диний жалпылыктын таасири бүтүндөй бир элге кандай таасир этерин, ал түгүл фанатизм – сокур ишенимди жаратуучу күчтү пайда кыларын туясың.

Бардык коңшуларынын кара кыргыздар жөнүндөгү пикирлери жаман. Алар мага кара кыргыздарды митайым, ишенимсиз, жасакер жана сөз аңдыган, дайыма көп сөз берүү менен айтканын аткарбаган кишилер катары мүнөздөйт. Бирок алар өздөрүнүн коңшуларына талап-тоногучтугу жана жоокердик чабуулдары менен өзгөчө жек көрүндү болушкан. Анткени дал ушундай жортуулдарда казактарга таандык эмес биримдик, ынтымактык кара кыргыздарда таасын байкалат. Өзүм алардын арасында өтө аз жашагандыгымдан улам кандайдыр кескин ой айтуудан алысмын. Антсе да айтылган сөздөргө караганда алар кыйла сонун эл экенине мен толук ынанам. Анткени коңшулары үчүн алар топташ сыяктуу эле эки жакка экчелишип: бирде калмактар, бирде кытайлыктар, бирде кокондуктар аларды кысмакка алышып мал-мүлкүнө, өздөрүнө зыян келтирип турушкан. Ал эми ушундай кордуктардан улам өч алуу үчүн согушкан эр жүрөк кара кыргыздардын (алардын бул сапатын бардык душмандары айтышат) жасаган аракеттерине таң калууга болобу? Мисалы, кокондуктар мурда кара кыргыздардан алчу салыктарды карап көрүү эле жетиштүү болор:

1) түндүк зекет (түтүн башынан алынчу салык) – ар түтүндөн бир кой; 2) алал зекети (мал салыгы) – 50 баш малдан бир баш; 3) харадж (түшүм салыгы) – ар бир кырмандан үч кой; 4) ар түтүндөн аскердик салык катары бир алтын тыйын (дилде) өлчөмүндөгү – 3 кой алынчу.

Кара кыргыздар өздөрүнүн түндүктөгү кошунасы казактардан деле жаман эместигин төмөнкү кырдаал менимче бардыгынан сонун ырастап турат. Мен 1869-жыл болгон сарбагыш жана солто уруулары Россияга баш ийдирилгенден кийин беш жылда эле өтө тынчып калышкан. Мен бардык жакка эч кандай конвойсуз эле чыгып жүрдүм жана эч бир карасанатай кас мамилени сезген жокмун. Анын үстүнө алар административдик жаңы тартиптерди эч тоскоолсуз эле кабыл алышты жана жаңы шарттар менен түндүк кошуналарына караганда тез пикир табышышты.

Кара кыргыздардын мурдагы башкаруу формалары жана социалдык мамилелери жөнүндө дагы бир-эки ооз кеп. Казактардын айтканына караганда бул ал кара кыргыз деп аталышына алардагы бийлик башында эч качан хандын турбаганы жана казактар ак уруулар деп атоочу төбөлдөрдүн жоктугу себеп болгон. Кыргыздардын өзүндө да мындай уламыш кеп бар. Дайыма ханы жок жашашкандыктан улуу хандын баласы Джуджини (Жучи) өздөрүнө бектикке берүүнү өтүнүшөт. Бирок кичинекей Жучи жолдо келатып куландардын үйүрүнө туш болуп, аны куландар алып кетет. Ошентип Аксак Кулан Жучи хан кыргыздардын эң биринчи жана эң акыркы ханы болгон имиш.

Уруу түзүлүштөрү казак-кыргыздардыкындай эле, бирок султандардын ордуна алар (кара кыргыздар) карапайым элдин арасынан башкаруучуну шайлашып, манап деп атап коюшкан. Мага айткандарына караганда манаптар өз бийлигиндегилердин үстүнөн дээрлик чексиз бийликке ээ. Манаптар аларда өткөн кылымда гана пайда болгонун жана бул аталыш сарбагыштардын бир уруусунун үстүнөн бийликти толук ээлеп алган бир бийинин атынан коюлганын жана анын көзү өткөндөн кийин бийлер манап деген наамды алып калышканын кыргыздар кеп кылышат. Бул сөз мага анча ынанарлык сезилбейт.

Талаада жашоочуларга мүнөздүү согушуунун эски ыкмасы кара кыргыздарда узакка сакталып калган. Мурда алар бардык коңшулары менен дайыма ачык согуштук кырдаалда эле. Курал алууга жөндөмдүү эркектин бардыгы манаптын биринчи чакырыгы боюнча коргонууга же кол салууга даяр турууга милдеттүү болушчу. Куралдары негизинен кокондуктар жасаган мылтыктардан турган.

Мындан тышкары алар казак-кыргыздын – найза, союл, айбалта өңдөнгөн куралдарын пайдаланышкан жана душманга топ болуп кол салуу менен: – Ур! Ур! – деп кыйкырышкан жана уруу аттарын ураан катары чакырышкан. Мындайды казак-кыргыздардан да байкаганбыз. Сол уруулардын жоокердик урааны – күнөк, ал эми оң уруулардыкы – жан курас (жанкураш) болгон деп кеп салышты.

Тамга (менчиктин белгиси) бугу менен сарбагыштыкы жагалмай, солтонуку – айтамга деп аталып: З белгилери менен энделген.

Кара кыргыздарды казактардан айырмалап турган нерсе – алардын алтайлыктарга өтө жакын жана эң байыркы мүнөзгө ээ болгон тили элдик адабият да ушундай өз гөчөлүктө. Кара кыргыздар дал азыр нагыз эпикалык мезгилди баштарынан өткөрүшүүдө. Калган түркий эл де ринин айрым жомоктору жана уламыш, баяндары кыргыздарда бир улуу дастанга бириктирилген. Анын башка каармандары мусулман баатыры – Манас жана дин буруулардын баатыры – Жолой. Бул эпос гректердин баатырдык баяндары сымал эле бүтүндөй элдин рухий дүнүйөсү жана каада-салты жөнүндө толук сүрөттөп берет. Анда аскердик жүрүш, казаттар, кудалашуу, сөөк коюу, аза күтүү аземи, ат чабыш, үй тирлиги жана башкалар эпикалык мүнөздө кеңири баяндалат. Бул баяндардагы бардык кейипкерлер көз алдыбыздан элестеп өтүшөт да, чындыгында эле кудум тирүү кишилердей таасир беришет; алардын кыймыл-аракетин, эмне ойлогондорун көрүп, туюп турабыз. Бардык баяндын негизин – мусулмандардын динсиздердин үстүнөн болгон жеңиши түзөт. Элдин каны-жанына, аң-сезимине сиңип калган эпостун бул бөлүгүн ар бир кара кыргыз билет жана поэтикалык мындан бөлөк кандайдыр башка чыгарманын пайда болушуна жол бербейт. Ошондуктан өлөң деп аталган ыр өлчөмү толугу менен ырга алмаштырылган. Бул жерде ушул эпостун үлгүлөрүнөн мисал келтирүүнүн кажети жок, анткени алар аркылуу жалпы поэзия жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүн эмес.

Жабырлангандарга кылмышкерлердин айыпка жыгылышы

Жазалоонун эки түрү бар: 1) кылмыш иштери үчүн колдонула турганы кун жана 2) майда кылмыш үчүн колдонула турганы айып деп аталат.

  1. Кун. Бул жазанын бирдиги катары адамды өлтүрүү эсепке алынат (кылмыштын болгон кырдаалы: атайлап өлтүргөнү, кек алганы, оор кесепеттүү өлтүрүү эске алынбайт). Кун 100 жылкыга (1000 койго барабар).

Султан өлтүрүлгөн болсо анын туугандарына кун жети эселеп төлөнөт.

Аялды, кызды жана күң, кулдарды өлтүргөндөр кундун жарымын, тактап айтканда, 50 жылкы (500 кой) төлөшкөн жана айыпка жыгылган катары – бир тогуз, төрт түлүк малдан тогуздап төлөшкөн. Никеде турган аялды күч менен алып кетсе же кызды зордуктоо болсо ушул аялдын эри же кыздын туугандары өлтүрүлгөн адамга берилчү кундун жарымын талап кылган.

Жашы онго жетпеген баланы өлтүрүү кундун үчтөн бир бөлүгү, 30 жылкы (300 кой) менен жазаланат.

Эгер кишинин көзүн чыгара койсо же оң колун окустатса, ошондон кийин ал иштей албай калса ага да кундун жарымы төлөнөт. Ушундай эле кылмыштар аялдарга карата жасалса кундун төрттөн бир бөлүгү төлөнөт.

Эгерде күйөөсү аялын никелик шартты бузуп жатканда кармап өлтүрсө эч кандай жазага тартылбайт. Өз балдарын өлтүргөн ата-энелер жана өз кулдарын өлтүргөндөр да эч жазага кириптер болушпайт. Тескерисинче, эрин өлтүргөн аял же өз ээсин өлтүргөн кул сөзсүз түрдө өлүм жазасына тартылышат.

  1. Айып. Эң чоң жазасы – үч тогуз, үч түрлүү малдан тогуздап төлөө. Бул айыпты акыректи (далыны) сындыргандар, сол колду же таманды (согончокту) кокустаткандар жана султанды уруп жибергендер тартышат.

Эки тогузду бөтөн аялдын күйөөсүнө кармалып калган адам төлөөгө милдеттүү.

Акырында бир тогуздук айыпты баш бармакты сындырган же султанды келекелеп, мазактаган адам тартат.

Кош бойлуу аялды жыгып кеткени жана ушундан улам ал аялдын баласы боюнан түшүп калса: беш айга чейинки бала үчүн ар айына бирден жылкы, ал эми курсактагы бала беш айлыктан өтсө күнөөкөр ар бир айга бирден төө төлөмөр болот.

Тишти сындыра же чыгара уруу, манжаны сындыруу жана башты жаракат кылуу бир жылкы жана чапан менен айыпталат. Эгер, сөөмөй же ортон сынса мындан тышкары эл алдында тизелеп кечирим суралат.

Уурулук үч тогуз менен жазаланат. Төө үч жылкынын же отуз койдун ордуна бааланат. Ат уурдап баратканда кармалган ууру мындайча жазаланат: 1) өзү минип жүргөн атты алып коюшат: 2) ал уурдаган аттын үстүнө кошуп дагы эки атты айып катары – бирөөнү уурдалган аттын моюн үстөгү, экинчиси уурдалган аттын куйругуна улоо катары төлөйт.

Тил жөнүндө жазгандарынан

Ислам дининин үстөмдүгү анча толук жете элек жактарда гана нукура түрк тилинде таза сүйлөшөт. Араб жана перс (фарс) сөздөрүн кыргыздар гана чанда колдонушат, ал эми пайдаланып жүрүшкөн бөтөн сөздөрдү алар биротоло өздөрүнүкүнө айлантып алышкан. Бирок аларда да, өзгөчө сарттар менен танапташ жашагандарынын тилине чочун сөздөр көп кире баштаганы туюлат. Тазалыгы боюнча кыргыздардын тилине кара калпактардын жана Нурата тоолорундагы түркмөндөрдүн тили өтө жакын.

Заравшан өрөөнүндө жашаган өзбек айыл калкынын тилинин тазалыгы жогоруда аталган тилдерден артта. Анткени сабатсыз адамдар араб жана фарс (перс) сөздөрүн өтө көп колдонушат. Башкача тилде сүйлөөнү өзүнчө өнөр деп эсептеген шаар тургундарынын арасында эне тил баарынан көп бузулган. Буерде бөтөн сөздөрдү айтып гана тим болушпастан, эне тилдеги сөз тизмектерин, айкаштарын бүтүндөй түрккө чоочун кылып өзгөрт үшкөн. Үндүүлөрдүн үндөштүк ыргагы бузулуп, чоочун сөздөрдүн ыңгайына карата өзгөрүлгөн.

Ушул жасалмалуулук билимдүүлүктүн зарыл шартыбы деген таасирленүү да пайда болот. Анткени молдолор өз шакирттерин сөздөрдү нагыз түрк тилинде, туура эл оозундагыдай айткандыгы үчүн жазалашат. Ошондуктан чала сабаттуу адамдар окуганда молдону туурап окушат.

Билим элдик тилди сүрүп чыгарууга аракеттенгендей туюлат. Илимпоз эмес, окуганды жана жазганды эле билген катардагы адам түрк тилин гана пайдаланат. Бирок ал андан ары билимин бир аз эле өркүндөткүсү келсе өзүнүн негизги түпкүрүнөн, жан дилинен, катардагы карапайым адамдын рухий дүйнөсүнөн ажыроо менен перс тилин тереңдеп үйрөнүүгө тийиш. Мындай арабөк калгандар жазууда түрк тилин колдонушат, анткени перс тилин жарытып биле элек. Арабча куранды окуйт, сүрөөлөрдү үйрөнөт жана арабчадан сөзмө-сөз которулган бир нече китепти жаттайт. Бирок мындай окумуштуу араб грамматикасына жетсе жана кандайдыр деңгээлде араб тилин дурус өздөштүрсө, анда ал перс тилин да таштап, бир гана арабчаны үйрөнүп калат. Бул ар бир окумуштуунун максаты. Мындай окумуштуулар кат жазууда көбүнчө жалаң перс тилин колдонушат. Кат алчулар бул тилди билер-билбесин алар ойлоп да коюшпайт. Ал эми ушундай катты алган бечаранын абалын элестетип көрүңүз. Өзүнүн эле жердеши жазганды котортуп алуу үчүн молдону издөөгө туура келет. Бардык жерде, ал турмак Кокондо да официалдуу иш кагаздары перс тилинде жүргүзүлөт. Анткени ар бир чиновниктин (төрөнүн) персче жаза турган молдосу бар. Официалдуу иш кагаздары кандайча жазыларын мен бир канча ирет байкадым. Чиновник (төрө) молдого (мырзага) документтин мазмунун айтып берет, молдо жазган соң чиновник болгону өз мөөрүн басат.

Иштин ушундай абалынан улам тилге бөтөн сөздөрдүн ылдам кирип жатышы түшүнүктүү эле көрүнүш. Баарынан жаманы ушул кирип жаткан сөздөр комсоо болуп, элге сиңбей өз алдынча туруп калганында. Бул көрүнүш өткөн кылымдагы немец төбөлдөрүнүн гана энчиси болуп калган француз сөздөрүн эске салат. Анын үстүнө буерде тилдин башка сөздөр менен булганышы улам күчөп барат, себеби буга карата каршылык көрсөтөйүн деген эле аракеттер күн мурунтан эле эч натыйжасыз калууда.

Акыл эмгеги (изилдөө жана окуу) рухту чыңдап, акылга акыл кошорун эч ким талаша албас. Бирок бул жерден биз, тилекке каршы, таптакыр башка нерсени көрүп отурабыз.

Таптакыр сабатсыз адамдардан гана толук кандуу ой жүгүртүүнү, баамдап талдоону жана эзелтен белгилүү көрөгөчтүктү туюуга болот.

Кыргыздардын сүйлөгөнү ыргактуу. Алар сөзгө чечен, чукугандай сөз тапкыч жана ар бири, ал турмак эң эле билимсизи да өз тилин ушунчалык жакшы билет дейсиң, мындайды Европадан, орустар менен француздардан гана көрүү мүмкүн. Бир нерсени баяндап, аңгеме-дүкөн куруп жаткан кыргыздарга жайдары көңүл, ачык маанай мүнөздүү. Кара калпактар, түркмөндөр жана Заравшан өрөөнүндө жашачу өзбек дыйкандар билимсиз көчмөндөрдөн начар сүйлөшөт. Ал эми шаар калкынын билимдүү катмары кыйла начар сүйлөшүп, сөз таба албай мукактангандыктан алар менен баарлашуу өтө эле көңүлсүз. Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес. Алар өз тилинде түшүнө албай турган нерселер менен алек. Кыргыз жомокторду, болумуштарды, дастан жана ырларды өз эне тилинде угат. Ушундан улам ал далай сонун сөздөрдү үйрөнөт, эсине сактайт жана пайдаланат. Өзбек болсо эң жөнөкөй аңгемени да өзүнө анча түшүнүксүз тилде угат жана ал илимге канчалык тереңдеп кирген сайын илимдин тили ага ошончолук түшүнүксүз боло берет. Окуган (уккан) нерсесинин төркүнүн, маңызын табуу адаты пайда болот да, түшүнүксүз сөздөрдү жөн эле кайталап, жаттоого көнүгөт. Албетте, мындайда эске тутуу өнүккөнү менен ошол эле учурда акылдын башка касиеттери начарлайт.

Окуучу он беш-жыйырма жылдын ичинде дайыма тилге байланыштуу кыйынчылыктар менен алпурушууга аргасыз болот. Аларды жеңүү окумуштуунун башкы максаты. Бирок бул марага жеткен бактылуулар чанда чыгат.

Которгон Памирбек КАЗЫБАЕВ

                                Б. СОЛТОНОЕВ

КЫЗЫЛ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ

Көпкөк болуп, көккө жылдыз куралып, күн жаралып, ай чыгып, жер үстү нече түргө айланып, канча муз доору өтүп, таш-мис доорлору жетип, адам баласы чыга келип, жер жүзүнө акыл жумшап, анын ар тарабы жайылып, маданиятка кирише баштаганда, эң эски заман арасынан «түрк» уругу чыга баштаган. Түрк (түкүйө) кытай тили болуп, «темир туулга, темир калкан» деген сөз. Түрк деген эл адам баласынын эң эски уругунун биринен саналып, заманында адам арасында баатыр, таза, калп айтпай турган туура элден саналган. Кыргыз ошол түрктүн саналган – фин, гун уругунан жакын түрктөшкөн могол жаки ари насилинен каны аралашкан бир урук «курама» эл.

Биздин эранын XIII кылымында гижираттын VII кылымында, өзүнүн терең акылы аркасында даңкы чыккан араб кеменгеринин бири Мухамет казавны жер жүзүнүн бурулуп, кубулуп турганынан мисал келтирип, төмөндөгүнү жазган:

«Мен бир кезде калкы эң көп эски бир чоң шаарды аралап келе жатып, алдымдан чыккан бир кишиден бул шаар орнолгонуна канча болду? —деп сурадым. Анын мага берген жообу: – Бул эң байыркы шаар, качан салынганы дайынсыз. Бизден мурунку эл дагы качан салынганын билбеген» – деп жооп берди. Мындан 500 жылдан соң баягы шаарга келсем ал жерде шаардан эч белги нышааны калбаган. Мен чөп чаап жүргөн бир кишиден: «Бул ордолуу шаар качан ойрон болгон» – деп сурадым? «Чалым! Сенин сурооң анык сонун экен, бул жерде эч бир убакта шаар болбогон, кадимден бери ушул сен көрүп тургандай талаа болгон» – деп жооп берди. «Бул жерде эч бир шаар болбогонбу» дегенимде, «эч качан болгон эмес, кабарын угуп көргөнүм жок жана шаар болгон деп, биздин ата-бабаларыбыз бизге айткан эмес», – деди. Жана 500 жылдан соң дагы ушул жерге келсем, көл болуп калган экен. Көлдүн жээгинде ар кайсы жерде бирден-экиден балыкчылардын үйү бар экен. Баягылардын жанында топтошкон кишилердин, балыкчылардын торун оңдоп жатканын көрүп, бул жерде көл бүткөнүнө канчалык заман болду деп сурасам, бул көл кадимден бул жерде, илгерки заманда дагы бул жерде ушундай көл болгон – деп, жооп беришти. Жана беш жүз жылдан соң ушул жерге келсем, баягы көргөн көлдөн да эчтеме жок, учу-кыйырына көз жетпеген айталаа, чөл, күндүн кайнаган ысыгынан ичерге бир тамчы суу табалбастан, ээн талаа, элирме чөл менен келе жатсам, баягы көлдөн калган бир чалчык белгиси бар экен. Аны таптым, ошол жерге бир чуңкурчакка азыноолак жакшы гана чөп чыккан жайга мекен кылган бир кишиден келип: «Суу бериңиз ичейин» – деп сурадым. Суу ичип, ысыктан эсимди жыйып алган соң: «Бул жер ушундай болуп, которулуп кубулганына канчалык жыл болду?» – дегенимде мунун берген жообу дагы мурункулардын жообундай болду. Эң акырындагы ошончолук заман өткөн соң баягы жерге келсем мурунку эң биринчиде көргөн шаардан чоң шаар орноп, андан дагы артык гүлдөп, байрап-сайрап эл-журтунун жыргап-куунап, телегейи тегиз, теменеси болот болуп турганын жана калса турпатынын баштагыдан артыктыгынын, үйлөрүнүн жакшылыгын көрүп: «Бул шаар бул жерге качан түшкөн» – деп сураганымда, журтунун баары бир ооздон берген жообу: «Бул шаар эң эски замандан бери бар, качан башталганы маалим эмес, мунун качан бүткөнүн кыскасы биз билбейбиз, биз түгүл биздин бабаларыбыз дагы билбеген», – деп жооп беришти.

Анын биринде биздин турган жерибиз далай-далай түрүнөн бурулган. Табияттын козголуу боюнча тоо – талаага, чөл – көлгө, шаар – чалдыбарга (Зилзала аркылуу) айланган, канчалык гүлдөгөн маданияттуу толгон шаарлар жоонун зордугу менен ойрон болуп, жер менен жексен болгон; не түрлүү дүнүйөнү жайпаган эл жок болуп кетип, же башка бир түрлүү элдин кол алдына карап калып, өз наам атагын, расим үрп адатын жоготкон. Күн чыгыш, күн батышты чайкап, асман-жерди кызыл канга боёгон кан ичерлер, элдердин бул кезекте кымындай белгиси, тукуму калбаган.

Жер жүзүндө адам баласы саат санап, жаңы өнөр таап, маданиятын арттырып, күндөн күнгө илим-билим техникасы өсүп бара жатат. Мисалы, Жавропо (Европа – ред.), Америка журту билим өнөр таап, аны майданга коюу ишине башка элге караганда ылачындай зыпылдап, озуп кеткенин көрүп турабыз. Күн чыгыш калкы көбүнчө миңдеген жылдар караңгылыкта калган биздин кыргыз өнөр, илим, маданияттан кабары болбостон жапайы катары күн өткөрүп, башка элдин кол алдында жүздөп жылдар эңгиреп эзилип, азаптан көзү ачылбай, кайгыдан кан жутуп, мал башына ээ боло албай, кордукта, зордукта күнү өтүп, жаңы гана Совет өкмөтүнүн касиети менен эл катарында болуп боз улан, боз кертик, кер мурут, кара сакал жана кыз-келиндер илим-билим, өнөргө ынты-зынтын коё баштаган үчүн кыргыздын кайдан таралып, кайсы заманда тарыхка илингендигин, кайсы жерде тургандыгын, саясы үнөм-жөнү кандай болгондугун, анын расим, адет, пейли, кулкун оозеки сурап жана Жавропа, Кытай, Иран, Араб жана эски, жаңы түрк татар тарыхын, маселен дүнүйөгө маалым болгон тарыхчылар: Бичурин (Якинф), Бартольд, Радлов, Аристов, Миллер, Чан-Шан, Чан-Чун, Клапрот, Катанов, Фишер, Григорьев, Исловцев, Махмуд Кашгары, Абулгазы, Туманский ж. б. тарыхтардан маалымат алып жаздым. Бул тарых кыргыз тарыхынын сапаты жагынан биринчи даражада болбосо да, келерде кыргыз тарыхына түбөлүктүү материал болор деген талап менен ортого салдым.

Тарых мазмуну кыргыздын тарыхка илингенинен баштап, Өктөбр (Октябрь – ред.) өзгөрүшүнө, 1917-жылга чейинки тарыхы жазылды.

Кыргыз турмушу

Кыргыздын эң байыркы турган жери: Энисей дайрасы, Алтай, Саян, Тянь-Шань, Памир, Котон тоолору, ушул айтылган тоолордун аралары жана өзөн салаалары болгон.

Жан сактоо кесиби: кой, төө, уй, эчки асырап багып, жайдын күнү – айран, сүт, кымыз, кыштын күнү – эт, азоолок дан аралаштырып, этке жетпеген кедейлери бай менен феодалдарда малайлыкта күндөрүн өткөрүшкөн. Көбүнчө көчмөн болуп эң эски заманда кандарында отурук жайлары болгон. Алтын, темир, күмүштү иштеткенди билген. Дини шаман болуп, ар түрлүү жан-жаныбар, өсүмдүккө табынып, жоокерчиликке өтө баатыр болгон.

Могол, калмак, өзбек замандарында там салбастан, көбүнчө түндүк кыргыздары жалпы көчмөн болгон, малдын жайыты такылып, жаки жоодон кысталса, кышында болсо 3–4 жашта балдарын айырмачка кол турмачтап алып, же болбосо аркаларына таңып алып, күндүр-түндүр суук жаан-чачынга, бороон-шамалга, аязга, терең карга карабастан, үйгө жагдайлуу жумуштарын катындардын милдетине коюп, көчүп жүрө берген.

Там салышты «тирүүлөр көргө кирет» деп жактырбастан, калаа турмушун «учпас тоок, көчпөс там» деп сүйбөстөн, ылайык көрбөгөн. Эгин айдоону көп билбеген (асыресе түндүк кыргызы) айдаса көбүнчө таруу айдаган. Буудай, арпаны кемчил айдашып, буурчакты чанда айдаган. Таруунун башка эгинге караганда эмгеги аз жана уругу арзан болгондуктан, маселен, чейрек теше жерге үрөнгө 10 кадак таруу кетсе, андан орточо түшүм менен миң килограмм таруу алат. Чейрек теше жерге үч-төрт пуд буудай үрөн болсо, орточо эсеп менен отуз-кырк пуд буудай алган. Чейрек тешеге үч-төрт пуд буудай үрөн болсо, тарууга он кадак гана керек. Экинчи себеби, таруудан бозо салып ичсе, кубаттуу тамак болуп жана нанды эңсетпеген. Жана да бозодон арак тартып ичкен. Тарууну актап көжө кылып ичип, нан катарында жеп жана талканы да тамак болгон. Темир жок болгондуктан малдын жаагын, мүйүзүн орок, жылкынын туягын кетмен кылган. Чөп чапканды билбестен кыштын күнү чөптөн такылып, жут болсо, малына бетеге жулуп берип, чөбү болбосо караган шак жыгачынын бүрүн, жалбырагын жедирген. Уйга суу ичиндеги балырды алып берип жедирген. Араба күтпөгөн. Кыштын күнү жарма, көжө, бозо ичип, шорпого күлчатай кылып салып жеген. Талкандан магызым салганды билбеген. Магызымды 1856-жылында өлгөн Боронбайдын Меке деген катыны чыгарган. (Боронбай Бугу кыргызынын феодалы.) Магызымды Боронбай байдын катыны ойлоп чыгардыбы, жаки башкадан үйрөндүбү, анысы маалимсиз. Кесмени билбеген, этти тесмелеп жебестен, жалаң жегенде, чай ичпестен, сорпого суу аралаштырып, «кара дөң» кылып ичип жана шорпого курут, сүзмө катыктап ичкен. Эгерде суук тийген болсо, байлар-феодалдары сууга курут эзип кайнатып, сары май салып, сапырып ичип тердеген. Кыштын күнү сорпого, жайдын күнү сүткө сүт боорсок кылып, калыңдыгы бир эли болуп, камырдан күлчө кылып жеген. Муну «кекиртек» деп дагы атаган. Камырдан боорсок кылып, калыңдыгы бир элидей кылып, аны сүткө бышырып жеп, «үзмө» деген. Таруудан же коноктон майга бышырып «саксай» кылып жеген. Кыргызда тегирмен чанда болгон. Ун-талкан үчүн көбүнчө жаргылчак колдонгон. Чочко этин жебеген. Чечек чыкса, «улуу тумоо» деп ырым кылып, кара кийик деп доңуздун майын жаки аюунун этин берген. Насбай аткан, канжа тарткан жайдын күнү малдын сүтүнөн башка тамакты, башкасын анчалык керек кылбаган. Сүттөн бүткүл дээрлик тамагын даярдаган Жылкы сүтүн кымыз кылып кээде бал кайнатып ичкен. Чекенденин ашынан дагы бал кайнаткан. Төөнүн сүтүн кымыз кылган, жылкы кымызынан арак тартып ичкен, «төө атасы Ойсул ата» деп терисинен кайыш, ултан кылып, жүнүнөн кийим кылган. Төө багуу башка малдан көп мүшкүлдүк бербеген. Ачкалыкка, жумушка башка малдан артыкча чыдамдуу болуп, жети-сегиз күн чөп жебей, суу ичпестен чыдаган. Сүттөп болгон бүткүл тамак, арактан башкасы аял тарабына ишленген. Жаш балдары жайдын күнү дан жоктугунан жүдөп бара жатса, төрдөгү жер эңгилчек (жер куруту) кууруп, жаргылчакка тартып, талкан кылып, сүткө, майга көөлөп берген (Муну мен – тарых жазуучу 1884-жылында Кочкордо жедим). Дан, же курут жок болсо, ышкындын башындагы уругун сүткө салып берген. Жөргөмүштү балдарга берип канааттандырган. Соода ишин билбестен, соодагер, кызыл кулак деп унатпаган. Кокон заманында кыргыз феодалдарынан соода кылганы болгон.

Уй, эчки, көбүнчө кой сүтүнөн жуурат, сүзмө, курут, малта, эжигей, быштак нече түрдүү май чыгарылган. Мунун ичинде бал каймак дегени артыкча болуп жана бышкан май даярдалган.

Адет, расими

Ооруп калса муздак суу менен учуктап туруп суу берген. Котон жара, кулгуна болсо кеперез менен суу берип, ашынып кетсе жыланды бышырып, сорпосун ичип, этин жеген. Жана чийкилей дагы этин жеген. Уу коргошун, ак кодол, меңдубана, жалбыз куурай, жады куурай, адырашман, шыраалжын жана башка майда өсүмдүктөрдү ар түрдүү кеселге дары кылган. Кээ бир ооруга түкүргөн, кийим үчүн Анжиян, Кашкардан бул алып, көбүнчө кыдырып келген соодагерлер уйгур, өзбектен мата чепкен, кара кашка, мынча, дөңкөкүр, бачайы, манат, жибек, чачбак жана башка булдар алган. Ташкент, Наманган, Андижан, Кулжа, Кашкар, Олуя-Атадан башка чоң шаарлары болбогондуктан, шаарга жетиши кедейлерге өтө оор болгон. Арасы алыс жана ээн талаа, элирме чөлдөр болгондуктан жана ал замандагы эл бирин-бири карактап тургандыктан, жүрүү кыйын болгон. Өздөрү териден иштеп, тон, шым, тебетей, жүндөн чепкен, калпак, кементай, жамынчу, кийиз өтүк, түрдүү-түрсүз кийиз, кап, аркан, жип-шуу иштеген. Тоо теке, жаки үй теке, жаки серкенин терисинен сары жаргак шым жасап, багалегин кең жырмач кылып, бай-феодалдары болсо саймалап, кундуз кармап, «кең багалек келбер шым» деп кийишкен. Кементай тондон башкасын шымданып алган. Мундай шым бешалты жылга чыдаган. Бүткүл ат жабдык, ээр токумду өздөрү иштеген. Үзөңгүнү мүйүздөн, көбүнчө кайыңдан ийип кылган. Бечаранын катыны жети, бай-феодалдыкы тогуз ором илечек оронгон. Илечек шаң матадан болгон. Баары да көйнөгүнүн төшүн саймалаган. Аны «өңүр» деген. Бешмантты кийбестен, чапан кийген. Белдемчи тартынбаган катын, шым кийбеген эркек болбогон. Кыз-келиндери кек шалылап ултарып, көөрчөгөлөтүп, такасы бийик өтүк кийген. Кепичти кийген, «кулунду бээдей кылып» деп аны жактырбаган, Кыздары кундуз бөрк же кундуз кармап, манат макмал менен тыштаган жаки бачай менен тышталган кара көрпө тебетей кийген. Түлкү, суусар бөрүктү кийбеген. Катын-кыздары башына каркыра сайынып, кедей кыздары үкү тагынып жүргөн. Жаңыдан алган келиндерин отко май салып жүгүнткөн. Аны «отко кирди» дейт. Көчкөндө отко май салып, жакшы ити өлсө дагы оозуна май салган. Катын тууганда ал үйдөн от бербеген. Туугандан соң эси ооп, көзү бозорсо, «албарсты басты» жаки «кара басты» деп аны «куучу» деген бакшыга куудурган. Ал кишини «көзү ачык» деген. Эки жагында бирдей бала жок болсо да, жаки бир жагынан баласы болсо да, «бел куда» болгон. Күйөө биринчи үй жанына келип кетип, экинчиде колуктусун алганы келген. Кайындуу кызды ала качып алса да үч-тогуз айып менен кайта берген. Кайыны букара болуп, манап алса, алганы боюнча кетип, калың малын дагы бербеген. Алган колуктусунун кыз даражасы болбосо, көбүнчө албастан калың малын кайта алып ажырашкан. Ажырашпаса айыбын алган. Атактуу киши өлсө, эл жыйылганча беш-он күн сактап турган. Жаки аманат деп коюп, бир канчалык убак өткөндөн соң башка жерге которуп көмгөн. Жоодон өлсө, этин шылып таштап, сөөгүн жерине алып келип көмгөн. Атактуу феодалдарынын өлүгүн көп убакытта жашырып көмгөн. «Эгерде кар жилигин душман алып жерге кагып койсо, анын тукумунан атактуу киши чыкпай калат» деген салты болгон. Атактуу кишисинин көрүн жөө киши ичине найза алып тегеретсе тийбегендей кылып кең казган. Кедей болсун, бай-феодал болсун өлгөнгө аш берген. Аш бербегенди «ашсыз, жытсыз койду» деп жек көргөн. Чоң ашты ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, жамбы аттырыш менен өткөргөн. Кээ ашка бечаранын катынына төө чечтирген. Өлүккө катын-кыздары бетин тырмап ыйлаган. Ак кийизге жаки булгаарыга салып, бай манабын көмгөн. Бейит башына барганда бетин тырмаган. Катындары башына кара кийген. Кээ кишилер баласы өлсө, өлүгүн капшытынан чыгарган. Доо бүткөргөндө чыбыкты туура кыркып, сөз байлаган. Кара ишке жан бербеген, жан берсе «жан бергендин жанына турба» деп коркуп, башкаларга качкан. Ачарчылыкта, жоокерчиликте эр азаматтарга мал алып, кийик атып, куш бүркүттү салып, жалгыз айылын асыраганы болгон.

Оюну

Ордо, тогуз коргол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңкилдек, уюм тууду, селкинчек, упай жана башка оюндары көп болгон. Түндө короону кыз-келин кайтарып, жыйыш кылып, темир комуз кагып, «саксакай, бекбекей» деп короо кайтарган. Көп убактарда селкинчек тебишкен. Айылды жакалап, чоор тартышып, жылкычылар жылкы кайтарган. Эгерде жоокерчилик заманы болсо, айылдын сыртын «жесекчи» жесеген, анын сыртынан кайгоолчу дегендери жол кайгыган. Кооптуу жерлерге кароол койгон. Көк бөрү тартуу, орус оторчусуна карагандан соң түндүк кыргызына жайылган. Оюндун ичинде кыргыздын эң биринчи жакшы көргөнү жана көп ойногону болгондуктан, «ордо атыш» согуш дарты болгон себептен аны толук көрсөтүп жаздым.

Ордо

Эски кыргыз балдарына тажрыйбалуу, өрнөктүү иштерди оюн менен көрсөтүп кеткен ырчы, комузчу, кыякчы, темир комузчу, чоорчу, сыбызгы, сурнайчылар «күү» аркалуу көп тажрыйбалуу сөздөрдү илгертен улам кийинкиге ала келген. Шулардын бири ордо оюну болуп, бул башка элде болбостон, жалгыз кыргызда болуп, эски замандагы согуш жөнүн көрсөткөн, маселен:

  1. Тегерете чийип – камал, чеп, коргон шаар сыяктуу; 2. Дал ортосу – борбор жаки жыйырмак (Туу түбү);
  2. Калың чүкөнү тигип, ортосуна абыдан бир чоң чүкөнү жаки ордодон оңой менен атын чыгара албай турган кылып, чүкөнүн сыныгын коюп, аны «кан» деген. Бул аныгында «кан» жаки туу түбү.

4. Канды тегерете коюлган көп чүкө кандын аскери;

  1. Ордо атуучулар эки бет болуп, чүкө калчашып, кимисинин чүкөсү консо, ошол жак биринчи кезекте атат. Бул күчтүү жоо, мисалы, күчтүү жоо калаага чабуул кылганы;
  2. Ар бир ордо атуучу кишиге беш чүкө тийиш болуп, үч аткан оюнга ээ болот, мисалы, беш аскердин үчөө согушка киргени;
  3. Чийинден өтпөстөн атат, коргон сепилден атышканы;
  4. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыкпай калса, ал аткан оюну өлөт – согушка киргендин өлгөнү;
  5. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыгып турса, оюну өлбөстөн ата берет. Мисалы: беттешкен жоосун өлтүрө берген сыяктуу;
  6. Чийинге жакын келген чүкөнү казайт (казаман), жекеге чыккан же кароолго чыгып келген жоону өлтүргөнү;
  7. Атылган чүкө чийинден чыгып, чийиндин ичине эки кадам томпою чүкөгө жакын жатып калса, бир бутун тамандап чүкөнү олтуруп чертет, мисалы: аты өлүп, жоо менен жөө согушуу, жаа менен эмес, колмо-кол согушуу;
  8. Черткен кишинин сыртында – чүкө калган болсо оюну өлөт: жоо сыртынан курчап кеткени;
  9. Бир жаки үч чүкө черткен соң канды чертишке уруксат, кандын кароолун өлтүрүп канга кол салганы;
  10. Четке чийинге жакын келген чүкөнү кайта тооруп атып алат. Муну «тоорумак» дейт, четке келген жоону кайта байлап кеткени, четтеп жалгыздап жүргөндү өлтүрмөгү;
  11. Беш чүкө, үч атканга жарайт, беш аскердин үчөө согушта, экөө кошто болгону;
  12. Үч чүкө эки атканга жарайт, үч аскердин экөө согушта, бири кошто болгону;
  13. Бир чүкө бир атканга жарайт, жоодон кырылып бир киши калса да согушуу;
  14. Бир жактын теңинен көбүнө оюн жетпей калса, калганы чокондосо, жеңилгенге эсеп, көбү кырылып, аттан ажырап, жөө калган да жеңилгени;
  15. Каны бар жакта бир чүкө, бир оюну болсо да жеңилбестен атышат, кан өлмөйүн, жаки колго түшмөйүн жеңилбегенге эсеп;
  16. Томпою чүкөгө тие жатып, томпойду аларда чүкө кыймылдап калса, жоо өлбөстөн аман калып атуучуну өлтүргөнү;
  17. Кан ордодо турганда канга бет алдыра атат, качан болсо канга, тууга бет ала согушуу керек; Тарых жазуучунун тажрыйбалап чечкени ушул.
  1. Чекеге келген чүкөнү кыйгай атып алат, бу да болсо чекеге жалгыздап келген жоону өлтүргөнү мисалында.

Мына ушул сыяктуу ар бир оюндун ар башка өзүнчө тажрыйбасы бар.

Дини

Эң эски кыргыз динин, дин баштыгын «кам» деген. Мусулман динине кирген соң көпчүлүгү «биз мусулманбыз» дегенден башка, мусулманчылык жолун жакшы билбестен, жүрө берген. Ошентсе да, «кудайдын кулу, мукамбеттин үммети, чын мусулманбыз» – дешкен. Оруска багынбастан бурун намаз окуп, орозо тутканы миңден бирөө болгон, балким, андан дагы кем болгон. Кокустан айт намазына түшпөй калса, кырк таш оодарып койсо болот экен деп, кырк таш оодарып койгон. Бакшы, бүбү, төлгөчү, далычыга абдан ынанган. Баланы сактай турган «Умай энеси» бар деп билген. Умай энең колдосун деген кеби али да бар. Үйлөрүнө кут куюп, сактаган. Кутту коргошундан куюп, ак матага тигип, бетине жети бермет бастырып майлап, малдын башын куту деп үйүнө катып сактаган. Малы төлдөгөн чакта малы чемендүү болсо, үйүн тумоо, өлүм араласа, кутту көрүнөө үйүнүн ичине койгон. Ай, күн тутулса, кан өлөт, жер титиресе чоң алаамат деген. Эгин-чөп чыкпай, күн жаабай кургакчылык болсо, жер-суу тайып, жалпы талаага чыгып, түлөө кылышкан.

Табыпчылыгы

Кандай кесел болсо да, суу берген. Оорусу улгайып кетсе, бул оорунун ээси бар экен деп, көзү ачык деп бакшы, бүбүгө салган. Кутурган ит капса, ал иттин мээсинен аралаштырып талканга мыкчып берип, кырк үйдүн казанынын кулагын тиштеткен. Кээ бир түрлүү ооруга эртең менен кечинде муздак сууга учуктап, жылаңачтап, эки-үч чака сууну аяк менен ургулап, мунун соңунда бир канча күнү суу берген. Жылан, кара курт, бөй чакса, түкүрчүккө түкүртүп, тамагын күчтөп берген. Шоона жиптен мойнуна «мант» кылып байлаган. Ылажы болсо, чаккан жыландын өзүн отко тирүүлөй кактаган. Жылан менен дубалашып, арбашкан кишилер көп болгон. Малы ылаңдуу болсо, мазарга жаки ата-бабасынын жаки атактуу кишинин бейитине түнөткөн. Катын туубай, тууса да, баласы токтобой жүрсө, кайын ата, кайын энесинин бейитине барып, мал союп түнөгөн. Мазарга барып, конуп-түнөп сыйынган. Кары кишинин кешигин жеп, батасын алган. Бейит башына барабыз деп бир нече жылга бейитке барып турган. Бооз катындар ар түрдүү тамакка, кийиктин этине, карышкыр, жолборстун жүрөгүнө талгак болгон.

Жез тумшук албарсты, алп кара куш, буудайык, ажыдаар дешип, бул заманда жана Жаграпияда жок жандарды дастан кылып сүйлөгөн кишилер көп болгон. Бул айтылгандарды канчалык чын кылып айтса да, ар кимисин өз алдынан узак икаялар сүйлөгөндө эски замандан бери булардын бирин эч ким бул заманга чейин көрбөгөн.

Согуш жөнү

Жоокерчиликтин ыгын өз заманына жараша кыргыз жакшы билип, бүткүл жан сактоо жана оюну согуш илимине ылайыкталып курулган. Согушка өтө ынтык болуп, жаш балдарын жаш чагынан согушка даярлоо оюндарын үйрөтүп, 17–50 жашка жете уруш милдетин мойнуна алган. 60–70 жашка келгенде согушка аралашкандары болгон, жекеге чыккандарын дагы айтышат. 14–15 жаштарга келгенде баланча киши жоого аттанган деп айткандарын табыштаганда анык сөз болуп, согушта эрдик көрсөткөн. Кыргыз карыяларынан эки-үч киши баш кошуп калса, көбүнчө согуш тууралуу сүйлөшөт. Согуш жана алыска жортуулга барганда тамагына эт, сүзмө жана актаган таруу алган. Эгерде согуш заман болбосо, үйлөрүнө тынч жата бербестен, жылкы тийип, булап-талап, эл чети, жоо бети тогуз жолдун тоому, 40 жолдун кыйырына аламан каракчылык кылып жүргөн. Акыры уурулук кылганды биринчи жакшы өнөр деп билген. Ошондой заманда эрдик кылганды элин сактап, жоодон аман алып калганды «баатыр» деген.

Баатырды тоодон кулаган таштай, аткан октой болот деген. Аткан ок таштан кайтпайт, кулаган таш же талкаланат, же талкалайт, баатыр жоодон жеңилгенде жолдошторун жоого түшүрбөстөн, анын артынан коргоп, жоонун алдында болуп, жоону жолдошторуна жибербей согушта аман алып чыгып, балким, жоодон көп заманда олжосун алып чыккан; ошол себептен баатырлар: «Качсам да бир ат олжом бар» – деп айткан.

Жоонун көптүгүнө карабастан согушкан; жоо кайда дегенден башканы билбеген; аркасынан жараланса, качып бара жатып жараланыптыр, деп баласы болсо да, аны киши катарында көрбөгөн. Эгерде жара бет алдынан болсо, беттешип жүрүп жаралуу болуптур деп ыраазы болгон. Жоонун аз-көбүн билмек үчүн «качырткы» салып, азын-көбүн билип согушкан; эгерде жоо көп болсо «буктурма» коюп согушкан; маселен бир топ аскерин жашырып, жоонун келер жолуна коюп, калганы бир аз согуша түшүп кайта качкан; жоо бириндеп артына түшүп, аттары, өзүлөрү талыган кезде, тиги жашырынып турган аскери аткан октой болуп каптаганда жоо кайта качкан. Жоого беттешерде же сапарга аттанып чыгарда, төлгө көбүнчө далы күйгүзүп, ошого жараша болгон. Айсыз туман баскан караңгыда, кыштын күнү, же жайдын күнү болсун, түн ичинде бир көргөн жолунан адашпаган, көрбөгөн жолу болсо «темир казык» жылдызын белгилеп жүргөн. «Бул жылдызды кошоктоолуу кош музоо» деп атаган. Эгерде булуттан жылдыз көрүнбөсө, жакшы атты эркине коюп, жол баштаткан. Уруш чагында буту сынып калса, канжыгага бутун капта байлап коюп согушкан. Жоо өтө коркунучтуу болсо, күндү жайлап жаадырып туруп, изин билгизбей качып кеткен. Жоо менен дайым атчан согушкан. Айбалта, союл чапканга, найза сайганга, мылтык атканга, жаа тартканга өтө уста болгон. Кылычты көп керек кылбаган, аны анчейин бычак катарында көрүп, жабдык деп ойлобогон. Ичин ок, найза аралап кетсе, кишинин сийдигин ичирген. Башы, тулку бою көбүрөөк жаралуу болсо, семиз тай союп, ич этине жакшылап тоюп, терисине жакшылап оронуп жаткан. Жоодон, же алыс сапардан келген түнү катындын койнуна жатпаган; ичинде мылтыктын, жаанын огу калса, аны түшүрмөк үчүн таза катынга аттаткан. «Ок аттаган таза катын» деген макал ошондон калган. Ачка болуп бара жатса, атынын кара санынан кан алып бышырып жеген, жатканда жабдыгын, көбүнчө мынтыгын, жаасын төшөгүнө ала жаткан. Урушта мергендери оозуна толтура «кылдыратма» ок салып, атчан чаап жүрүп, башынан түтүн арылтпай аткан. 40–50 чакырымдан кишинин азкөбүн, эл жоо экенин ажыратып билгендери болгон. Түн ичинде аттын элестегенинен кишинин келе жатканын бир чакырымдай жерден билген. Мал уурдатса кара жерде изин түштүк жерге кубалаган, баланча жерден таң эртең менен үрүл-бараңда жылкы алып, күндүн мурду тоо башына чачырай баланча жерге келген экен дегенин текшергенде эң азында 40–50 чакырымдай, ошондо баланчанын атынын оозунан кан аралаш ак көбүк чыгып, оозуна алы жетпей, тизгини колуна карышып башын жерге салып чулгуп, арандай оозун ачып жаңыдан кызыган чагы экен деген байыркы сөздөр көп. Көктөмдө аты жоон сан болсо, 10–15 күнгө жарайт деп жортуулга минип кеткен. Байыркы заманда атына жем бергени чанда болгон. Түндүк кыргызда болбогон десе да болот. Илгерки кыргыз азында 50–60 үй бир жерге тегерете конуп, ээр токуп, аттарын кермеге керип же үйүнүн жанына байлап, (абдан аялуу жакшы аты болсо, жаткан үйүнө кийирип), найзасын үйдүн жанына кыстарып, ай балтасын ээрдин кашына илип коюп, күн-түн дебей жоо кайдан келет деп, кулагын түрүп чакан турган. Жоо абыдан күчөгөн чагы болсо, айылда чың бек жерге кондуруп, айылдан алыс жерден жол тоскон «кайгуул» деген болгон. Айыл арасынан жол чалып турган «жесекчи» болгон. Эр азаматын бөлүп, айылдан тышкары ыңгайлуу жерге коюп, жоону күтүп турган. Бул кишилерди «жасоо» деген. Согушка катын-кыздары көп аралашкан. Жоодон качарда ар кайсы жерге көп от жагып коюп туруп качкан. Ал отту, «эр оту» деген.

Кыргыздын адет, расим, дин, оюн, турмуш, согуш жөнүндө эски-жаңысынан бир аз маалымат бердим. Эми кыргыздын кайдан чыкканынан бир аз маалымат берейин.

Өз тарыхын билип, тарыхты туу тутуу элдин катарына кириш маданияттын бир көркөм бутактарынан саналат. Кадимден окумуштуу, маданияттуу, билимдүү эл болсо да, өз тарыхын аныктап жазыш оңой эмес. Ошол себептен кыргыз сыяктуу миңдеген жылдан бери илим-билим, маданияттан куру калып, тоо арасында жапайы катарында көчмөндүк менен мал багып жүрүп, жаңыдан гана Өктөбр өзгөрүшүнүн касиети менен көзүн ачып, илгерилеп тамтум баскан баладай обдулуп келаткан улутка эзелден өз тарыхын жазып келатпаган үчүн өлкөсүн таанып, түп журтунун тарыхын жазыш өтө кыйын иш.

  1. Тарых жер жүзүндөгү элдин тарыхчыларынын жазууларынын ташка, мүрзөгө жазган чийинден, жерден чыккан казынадан алынат.
  2. Тарыхы жок биздин кыргыздай эл; кыякчы, чоорчу, комузчу жана ырчылардын күүсүнөн, сөзүнөн жыйноо мүмкүнчүлүк берет. Булардын күүлөрүндө байыркы сөздөр сактала келген.
  3. Эски карыялардын сөзүнөн жыйноого мүмкүн болсо да, анын мезгили кайсы заман, кайсы жылда, кайсы жерде болгондугун эки жүз жылдан беркиси болбосо, андан аркысын билүү өтө кыйын. Ушул себептен «жетим өз киндигин өзү кесет» жана «чындап ыйласа кара көздөн жаш чыгат» деген сыяктуу тарыхы жан-дилин коюп, чындап тырышуучулар ар бир урук элдин аксакалдарынан, ал өзү качан туулган, анын атасы-бабасы качан туулуп, качан өлгөн; ошолордун тушунда башка урук элден ким болгон? 11–13 атага жете ар уруктун ата-бабалары нече электен өткөрүп, текшере-текшере андан алынган тыянакты жана да башка уруктардын карыяларына текшерүүнү өткөрүп, аныгын жазуу аркасында тарых түзүшкө мүмкүн.

Жогоруда айтылгандай ар уруу элдин ата-бабасынан тушташын анык билмек үчүн улуу катын, ортончу катын, токол катындан туулгандыгын табыштап билбесе, анын мезгилин чечишке чоң тоскоол болот. Себеби кандай болсо да, токолдон таралган менен байбиченин тукумунун арасында жыйырма-отуз жыл илгери, кийин болуп кетет.

Кыргыздын оозеки тарыхын жазууга ар урук элдин өз-өзүнүн жети атасына жете билгендиги зор жардам берет. Кыргыз жети атасын билбегенди аны: «Жети атасын билбеген жетесиз» – деп, аны кул катарында санайт. Ушул сыяктуу жети атасын билгендиктен ал аркалуу тарых түзүш өтө себеп болот. Ошондой себептер менен кыргыздын бир далай эски карыяларынан, сөз билген чечендеринен, көптү көргөн көсөмдөрүнөн, үйдө жаткан далай карылардан тарых сөзгө 1890-жылдан баштап кулак салып, 1895–96-жылдардан баштап, тарых сөздү ташпиштөөгө киришти. Сөздүн чынын ылгап жүрүп, дал туура чыккандарын терип жүрүп, азыркы оң-сол аталган кыргыздын түп тарыхы жазылды. Эң эски кыргыз тарыхы болсо, жогоруда айтылгандай ар мамлекеттин мурунку, азыркы жазган тарыхтарынан кабар алынды.

Ар урук элдин тарыхын өзүнүн чыккан тарыхчысы өз тили менен жазган болсо жана тамга, ариби, сөздү кубулбастан жазууга ыңгайлуу болсо, ал тарыхтын сөздөрү бузулбайт деп айтууга мүмкүн, эгерде бир элдин тарыхын башка эл жазса, ал тарых туткунга түшкөн кишидей болуп, тили келбегендиктен кишинин атын жана сөздү жазыш арибине туура келбегендиктен жана эң эски замандан кийинки заманга карата бир китептен экинчиге көчүрө тарыхтын кеп-сөзү өз түпкү асилинен өзгөрө берет.

Маселен, Кытайлар кыргызды: кыйкыс, килкис, килкиси, какас деп жазган. Персияндар кыргызды: хиркис деген. Моңголдор кыргызды: хиркис деген. Эски түрк кыргызды: кыргыз деген. Орустар кыргызды: киргиз деген. Арабдар кыргызды: кыргыз деген. Мына канчалык бузган.

Түрк тилин араб, жавропалык, кытай арибинен көчүргөндө канчалык калет чыгат. Кыргыздын эски ариби, тамгасы жоголуп, өзүнүн жазылган тарыхы калбаган. Жакын-чектеш жана аралаш жүргөн үчүн эң эски кыргыздын тарыхы кытай тарыхында калган. Ошол себептен түп тарыхтын көбүнчө кабары кытай тарыхтарынан алынды.

ФУ ЙУ ООДАНЫНДАГЫ КЫРГЫЗДАР

Улуттун аталышы

Кыргыздардын улут атынын келип чыгуу барышы аябай узун болуп, алар өздөрүн «Хий ликиси» жана «Кыр киси» деп аташкан. Кытай жана башка улуттар аларды «өлүт» деп аташып, моңгол улутунун бир бөлүгү деп карашат.

Кыргыз улутунун «өлүт» деп аталышынын себеби, алар мурун Шинжаңда жашачу, өлүт Вани (бек) Дафачинин кол алдындагыларга караган, өлүттөрдүн таасири өтө зор болуп, алгачкы кезде бул жерге көчүп келгендер өтө эле аз болуп, айланасындагы аралашкан улуттар моңгол, дагурлар болгондуктан, табигый аралашуунун натыйжасында, салт-санаа жактан моңгол улуту менен окшош жерлери өтө көп болгон. Убакыт узарган сайын, алар билип-билбей эле өздөрүн моңголбуз дешип жүрүшкөн. 1952-жылга келгенде, Хий Лоңжиаң өлкөсү текшерүү группасын уюмдаштырып текшерүү алып баргандан кийин, анан кыргыз улуту деп бекиткен.

Улуттун келип чыгышы

Хий Лоңжиаң өлкөсүнүн Нин Жиаң жайлоосундагы кыргыздардын теги Шинжаңдык болуп, алар мурда Шинжаң, Памир үстүртү, Тянь-Шань чөлкөмүндө жашашкан. Кыргыздар эмгекчил, баатыр эл болуп ата-бабаларынан тартып, көчмөн чарбачылык менен жан багып келишкен. Чиен Луңдун 20-жылы (1755-жылы) Чың өкмөтү моңгол, жунгар, ойрот уруусун багындырган соң, анын кол башчысы Дафажы туткундалып, кийин коё берилип, кошуттун Фандыгына (бек) дайындалган. Чиен Луңдун 22-жылы (1757-жылы) жана бир кол башы Амирсана тополоңу тынчтандырылган. Алардын калдык урууларынын каршылык көрсөтүүсүнүн алдын алуу үчүн бир бөлүк туткундарды Хий Лоңжиаңга көчүрүп келишкен.

Булардын ичиндеги бир бөлүгү кыргыздар эле.

Азыркы Хий Лоңжиаң өлкөсү Фу Йу ооданында жашап жаткан кыргыздар, дал Чиен Луңдун 23-жылы (1758-жылы) бул жерге келгендер болуп, келгенине 238 жыл болгон.

Жан санынын таркалышы

Хий Лоңжиаң өлкөсүндөгү кыргыздар Фу Йу ооданына топтошуп отурукташкан. 1958-жылдагы текшерүүгө негизденгенде, бүткүл ооданда кыргыздардан 154 түтүн, 640 адам бар болуп, 6 айыл, бир кентке таркалып жашашат. Достук айлында 54 түтүн, 268 адам, Боюн айлында 16 түтүн, 103 адам, Шинли айлында 3 түтүн, 17 адам, Да Чуан айлында 3 түтүн, 12 адам, Така айлында 70 түтүн, 179 адам, Тынчтык айлында 6 түтүн, 30 адам, Ву Йү кентинде 2 түтүн, 13 адам бар. Мунун ичинде Достук айлынын Фу Жиазы кыштагында кыргыздар чогуу жашаган район эсептелет. Бүткүл кыштакта кытай, моңгол, дагур, эфенек сыяктуу улуттардан 166 түтүн, 301 адам бар. Мунун ичинде кыргыз улуту 51 түтүн, 234 адам болуп, жалпы жан санынын 77,8% ээлейт.

Тил жазуусу

Кыргыз улутунун өзүнүн тили бар, жазуусу жок. Анын тили Алтай тил системасына кирет. Мисалы: кытай тилиндеги «асман» деген сөз моңгол, дагур тилинде «текир» делсе, дунгандар «айсыман» дешет. Ал эми кыргыздар «деңир» деп айтышат. Алар чыгыш түндүккө көчүп келгенден кийин тилинде өтө чоң өзгөрүштөр болуп, монгол тилин жалпы колдонушкан. Жана азыраак дагур тили да аралашып кеткен. Өз улут тили тек гана карылар арасында гана колдонулат. Ал эми жаштар менен өспүрүмдөр азыраак гана түшүнүшөт. Ал түгүл сүйлөшүүнү небак эле унутуп калышкан. Демейде жаштар кытайча, моңголчо, дагурча 4 түрдүү улут тилин билишет. Карылардын кытайча тил деңгээли начарыраак. Чың доору кезинде аз сандагы адамдар манжу менен моңгол жазуусунда азыраак билишет эле.

Чың доору кезинде

Кыргыз улуту Хий Лоңжиаңга келгенден кийин, ошол кезде Чың доорунун бийлиги аябай узун болуп, анткени алар туткун болуп келгендиктен, алардын эч кандай саясый укугу жана орду болгон эмес. Аларды сегиз жасакка киргизген болсо да, бирок ал кездеги бийлердин көбүнчөсү манжулар болгон. Анын үстүнө Чың өкмөтү кыргыз улутунун кыймыл айланасын белгилеп, алар жүз чакырым айлана ичинде кыймыл алып барууну, бул айланадан алкып кетпөөнү буйруп жана баргу моңголдорун алардын кыймылдарын көзөмөлдөөгө койгон. Чың өкмөтү аларды зордук менен аскерликке алып, эки бир тууган болсо бирөөнү аскерге алууга, уруш кездеринде үч бир туугандан эки адамды аскерликке алууну белгилеген. Аскер милдетин аткаруу убакты да узун болуп, 8—10 жылсыз кайтып келе албаган. Жана көптөгөн адамдар бир кеткенинче келе албаган. Көп карылардын айтышынча, бир жолку салгылашууда, аскерликке алган адамдардын көбү майып болуп кайтып келишкен. Мисалы: Вудишинин чоң атасынын атасы Тоху, Сейвулыңдын чоң атасынын атасы Суха, Вудыңкайдын чоң атасынын атасы Эргада, Вукайчыңдын чоң атасынын чоң атасы (бабасынын атасы) Темир сыяктуу адамдар урушка катышып кайтып келгенинде кээлеринин манжалары үзүлүп, кээлери чолок, төкөр болуп, кээлери болсо дүлөй, келесоо болуп келишкен. Аскерге алгандан сырткары жана өтө оор эмгектери да бар болгон. Мисалы: Бук шаарын жасаган кезде Фужиаздагы кыргыздардын көбү алып барылып узун мезгилдүү оор эмгекке катыштырылып, анын үстүнө дайыма бийлөөчүлөрдүн кароосуна жана уруп тилдөөсүнө учурап турган.

Чың доор бийлиги кыргыз улутуна карата «бөлүп башкаруу», «жаттар аркылуу жаттарды башкаруу» саясатын колдонгон. Алар алгач келген кезде, Чың бийлиги алардын чогулуп алып «законсуз иштерди алып баруусунан» корккон. Кокусунан чатак чыгаруунун алдын алуу үчүн, аларды таркатып отурукташтырып, аралыгы алыс болуп, өз ара барыш-келиш кылуусун чектеген. Улут ичиндеги өз ара байланышты үзүп таштоого урунган. Башка улуттар аркылуу кыргыздарга көзөмөлдөө алып барып, улуттар арасында ынтымаксыздык туудуруп, улуттар ынтымагын бузган. Болуп дагы кыргыздар менен башка улуттардын той кылуусуна жол коюлбай, ошентип бул улуттун өнүгүүсүнө өтө оор таасирин тийгизген.

Миң Го доору (1911—1949-жылдар)

Миң Го курулгандан кийин сегиз жасак түзүмү бекер кылынып, Чың өкмөтүнүн кыргыздарга бийлик түзүмү жок болуп, улуттар арасындагы достук барыш-келиш, өз ара той жасоо болгон болсо да, бирок элдин тарткан азабы эч канча жеңилдебеген. Фужиазы, Фу Йү ооданынын башкаруусуна тардык болуп, Фужиазынын батышындагы кыштагында район башчысы жана чарлоочулар башчысы турушкан. Булардын бардыгы оодандан жиберилген кытай бийлөөчүлөрү болгон.

«Район башчысы» болсо жергиликтүү өкмөттүн эң чоңу. Мындан башка жана «эл коргоочу» увазир, аскерлер да турушкан. Натыйжада, элдин экономикалык жүгү оорлошуп кеткен. Аябай кыйын болгону уучулукка да түрдүү чектемелер коюлуп, Миң Гонун 7-жылы (1918жылы), кыргыздардын бардык уучулук куралдарынын (милтелүү мылтык, замбирек, бат атар, жарылгыч дары, ок сыяктуулар) баарын өкмөт жыйып алган. Ошондон тартып кыргыздардын кирешеси өтө азайып кетип, көптөгөн адамдар аргасыздан сыртка чыгып, жер ээси бай дыйкандарга иштемчи болушуп жана алардын майда иштерин жасашкан. Турмуш деңгээли күн сайын төмөндөй баштаган. Коомдук тартип өтө туруксуз болгондуктан бандит, уурулар үзүлбөй көрүлүп турган. Ошентип, жергиликтүү «эл коргоочу» увазир, аскерлер көбөйгөн. Айтылышта «эл коргоо» болгону менен иш жүзүндө элге зыян салуучулар болгон. Кишилер кимдин өкмөт аскери, кимдин бандит экенин айралбай калышкан. Бандиттери кетсе, өкмөттүн «эл коргоочу» аскерлери келип турган. Мейли бандиттер болушсун, же «эл коргоочу» аскерлер болушсун, баары элдин байлыгын булай турган уурулар болуп, эмгекчи элдин турмушу тынчтыкка ээ боло албаган.

Жапон империясы чыгыш түндүккө чабуул салып, басып алгандан кийин жагдай ого бетер начарлап, кыргыз эли кытайларга окшош эле кул кылынып басмырланган. Бул каргаша оор болгон жылдарда, мансаптардын какты, сокту кылганы, жер ээлери, бай дыйкандардын эзүүсүнөн сырткары жана бандиттердин булаң-талаңына учурап турушкан. Кыргыздар башка элдерге окшош эле ар жылы салык аштык жана жердик кошумча түшүмдөн бажы тапшырган. Ачынарлуу болгону оор жумушка салынып элдин баары үй мүлкүнөн айрылып калган.

Кыргыздар ар жылы албан аштык тапшыргандан сырт кары жана уй, доңуздан албаң тапшырган. Албаңдар ар 2–3 айда бир жолу жыйылган. Айтылышында акча беребиз делсе да ээ болгон акчасына бир канча боо ширеңке да сатып албаган. Кыргыздар жаңы жыл майрамдарда да эт жей алышпаган. Болуптагы курчак бийликтин акыркы мезгилинде, элдерге коюлган алдым салык өтө чыңайтылган. Эмне нерсе болсо боло берген. Ар түрдөгү айбанаттардын териси да албаң үчүн тапшырылган. Жапон империясы Чоң Хи бекетине эл аскерлерин машыктыруу ордун курушуп, кыргыздарды зордук менен машыктырган. Эгерде кечигип калса, же жапон тилин билбесе уруп, тилдемек түгүл чөк түшүрүп, башка урдуруп жазалашкан.

Диндик ишеними

Фужиазындагы кыргыздардын айтуусунда илгери тарыхта кыргыздар шаман динине ишенишкен. Түлөө-чырак, оору эмдөө, сөөк чыгарарда шаман чакырып, пир ойноткон. Үйлөрүндө шамандардын жылан теңирин коюшкан. Жер реформасынан мурда бардык үй-бүлөлөр чүпүрөктөн жыландын сөлөкөтүн кесип жасашып, тамдын уюктарына коюп коюшкан. Жылан теңири кыргыздардын байыркы ишениминде бар болуп, башка чоң, кичүү периштелерге ишенимдин баары Хий Лоңжиаңга келгенден кийин болгон. Анын үстүнө да ламага ишенүү баштап, ар түрдүү буттары болуп жана ак боз ат теңирине ишенген. Андан башка түлөө-чырак өткөргөндө обого, чолпон жылдызына, терек теңирине атап түлөө беришкен (ар жылы 4-айдын 18-күнү), түлөөгө уй, кой же чочко союп, бир күн чогулуш алып барып, байге чаап, жебе тартышкан. 10-айдын 25күнү жетиген жылдызына атап түлөө беришип, кара буудай камырынан миң бут чырак жасашып, сары май чырагын жандырып сыйынышкан. Жүз жылдын алдында кыргыздар Таңзуңда майрамды өткөрбөчү, жаңы жыл мааракесинде эр-аял, кары-жаштар жаңы кийимдерин кийишип, майрам өткөрүшкөн. 1-айдын 1–5 нече өз ара майрамды куттукташып айылчылашкан. 1-айдын 1-күнү таң эрте алды менен бир уруу тууган-уруктар айылчылашып, үйгө киргенде бутка баш урушуп, андан кийин аксакалдарга жүгүнүп арак куюп ошо менен бирге жешкен. 1-айдын 15-күнү панар майрамын өткөрүшкөн. Жаңы жыл майрамында бөрү богун түтөтүүнүн ордуна эки дөбө уйдун тезегин үйүп түтө түшкөн. Кээлер 1-айдын 15-күнүндө түтөтүшкөн.

Жер реформасынан кийин теңирге сыйынуу караштарда кыйла өзгөрүүлөр болду. Азыр карылардан сырт сыйынуучулар өтө эле аз сандуулар болуп калды.

Сөөк чыгаруу (жерлөө)

Кыргыздарда мурда уруу-уруулардын өздөрүнүн көр үстөмдүгү болгон эмес. Орток гана бейиттиги болгон. Жерлөө адаты топуракка жерлөө жана өрттөп жерлөө адаты болгон. Жерлөөдө шамандарды чакырып же ламалар көргөндөн кийин анан топуракка жерлөө, же өрттөп жерлөөнү бекиткен.

Кийин өлгөндө анын оозуна бир тал күмүш, же жез теңге салышкан. Аялдар өлгөндө оозуна бир тал маржан шуру салып коюшкан. Аксакалдарды чакырып кийимин алмаштырып, чачын алып, бетин жууп анан куансейге[1] салышкан. Эгерде дайын куансей болбосо тактайдын үстүнө башын түштүккө, аягын түндүккө каратып жерге коюшкан, же от жакпаган супага коюшуп, бетин ак мата же ак кагаз менен жаап коюп, куансей бүткөндөн кийин анан куансейге салышкан. Ошону менен бирге өлгөн адам тирүү кезде урунган кесе, кашык, тамеки баштыгы, оттугу, бычагы сыяктуу нерселерин тубар же сары кагаз менен ороп куансейге салып бирге коюшкан. Куансейге салгандан кийин өлгөн адамдын уул-кызы, достору арак, таттуу нан, короз, каймак, эжигей сыяктуу нерселерди атап коюшкан. Түндөсү сөөк башына чырак жагып, жүгүнүп сөөк кайтарышкан. Демейде экинчи күнү сөөктү чыгарат. Өтө кечиккенде үч күндөн ашырышпаган. Мурда бай адамдар сөөк чыгарса кыштактагы жакындарынан 10–12 адам куансейди көтөрүп жайга жеткизишкен. Жолго тургузууга болбогон. Азыр демейде машина менен алып барылат. Куансейди көтөргөндөргө чоң ыракмат айтышып, бала-чакасы арак тутуп жүгүнүп, анын үстүнө «када» сыяктуу нерселерди тартуулашат.

Жайга койгон кезде мурда ламаларды чакырып ном окуткан. Ошону менен бир убакта өлгөн адамдын жашын эсептеп, көмүлөбү, өрттөлөбү муну бекитишкен. Мисалы: көмүлсө алды менен жайын казып дайындашкан. Өрттөлө турган болсо алды менен отунун дайындашкан. Кээ бири ай, жылдары көмүлбөгөн. Ошол үчүн алды менен жердин жүзүнө топо менен дөбөлөп көмүп, сыртын ылай менен шыбап коюп, бир жыл өткөрүп анан жерине коюшат. Жаңы молого үч жылгача топо жаңыланбаган. Демейде молого жылында бир жолу топо жаңыланат. Мисалы: отко өрттөп жерлөө кезинде сөөктүн күлүн таш кутуга салып, жерге көмүшкөн. Адат боюнча бала-чакасыздарды, денесинде жараты бар бойкат аялдар, же төрөттөн өлгөндөрдүн баары отко өрттөп жерленип, элдерге орток болгон көрүс төндөргө көмүлөт. Башка өлүктөрдүн баары топого көмүлөт. Жерленген соң бала-чакасы дайым өлгөн адамга кагаз күйдүрүп, шам жагып, кагаз акча өрттөшөт. Азыр бул адаттардын баары өзгөрүп кеткен. Илгери сөөктү узаткандан кийин беш күнгөчө арак, акча жана өлгөн адам урунган баалуу буюмдарын бут же ламалардын үйүнө алып барып, өлгөн адамга акырет жолун көрсөтүүчү дүрдүттөрдү окутушкан.

Кытайчадан которгон Ислам ЫСЫК уулу.

«Кыргыз улутунун коомдук тарыхын текшерүү» деген китептен.

[1] Жыгачтан жасалган сандык.

         Р. ЖОЛДОШЕВ

ФУ-ЙУ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ТҮПКҮ ТЕГИ

Бөлөк элдердин арасында жашап калган кыргыз диаспорасы көп эле кездешет. Андан тышкары азыркы АлаТоолук кыргыздар менен байыркы мезгилде этникалык бир бүтүндү түзгөн этностор да болуп келген. Алардын ичинен айрыкча белгилей турганы, XVIII кылымдын башында тарыхый шартка байланыштуу өз алдынча этнос болуудан калган енисейлик же сибирлик кыргыздар деп айтсак болот. Кыргыз таануу илиминде бирдей этноним менен аталган бул эки этностун өз ара байланыштарын изилдөөдө көптөгөн проблемалар камтылып жатат.

Кийинки мезгилде айрым окумуштуулар Кытайдын Манжурия [Маньчжурия] аймагында жашаган, өзүлөрүн кыргыз деп аташкан чакан этностук топту, тарыхый бир мезгилде бөлүнүп калган кыргыз элинин кичинекей бөлүгү деп атап келишүүдө. Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын Фу-йу ооданындагы кыргыздарды илимде ар түрдүүчө аташат. Алсак, аларды жашаган ооданы боюнча Фу-йу кыргыздары же провинциянын атынан Хэйлунцзян кыргыздары, ал эмес манжуу кыргыздары деп да жазышат. Чындыгында бул кыргыздар жөнүндө изилдөө лөр, салыштармалуу кийинки мезгилде гана башталган. Ал эми Кыргызстанда болсо, алар жөнүндөгү макалалар эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан баштап эле чыга баштады. Себеби Кытай өлкөсүндө Фу-йу кыргыздарын 1950-жылдарга чейин расмий иш кагаздарда ханзу (кытай) тилинде «жар жаз» деп атап келишиптир. 1952-жылы гана атайын текшерүү комиссиясынын чечими менен алгач ирет аларды өзүлөрүнүн аташы боюнча Манжуриядагы түрк тилдүү чакан улут катары расмий каттоодон «кыргыз» деп өткөрүшүптүр (Чоротегин, Заман Кыргызстан, 1997: 8-авг.)

Фу-йу кыргыздары жөнүндө илимий изилдөөлөр аздык кылат. Аларды алгачкылардан болуп кытайлык түрколог-тилчи Ху Чженьхуа изилдеп келет. Ал 1957-жылдан тартып манжуриялык кыргыздардын тили боюнча материалдарды топтоп, жарыялап келүүдө. Алар жөнүндөгү бир катар маалыматтарды россиялык түрколог Э.Р. Тенишев да жарыкка чыгарган (Тенишев, 1996, №2: 88–95).

Фин окумуштуусу тилчи, этнограф Юха Янхунен 1988жылы Фу-йу ооданында болуп, жергиликтүү кыргыздар жөнүндө макала жазат. Бул макала академик Б. Орузбаева тарабынан которулуп, 1991-жылы «Кыргызстан маданияты» газетасына жарыяланган. 1990-жылы Новосибирскилик тарыхчы С.Г. Скобелев, алматылык врач А.А. Шомаев менен чогуу Фу-йу жергесинде болуп, хэлунцзяндык кытай изилдөөчүсү Чжан Тайсян менен бирдикте жазылган макаланы окурмандарга сунушташкан. Ал макала адегенде 1991-жылы белгилүү чыгыш таануучу В.А. Ромодинге арналган илимий конференциянын материалдарына тезис түрүндө киргизилген (ИСИКСОСЦА. 1991: 431;) Кийин тарыхчы К. Табалдиев тарабынан кыргызча которулуп, 1994-жылы «Заман Кыргызстан» газетасына басылган. 1997-жылы швецариялык чыгыш таануучу Гундула Салк менен Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыздарынын окумуштуу филологу Мамбеттурду Мамбетакун экөө Манжурия кыргыздарын иликтөө максатында ал жакка барып келишкен. Бул эки автордун жазган маалыматтары 1998- жылы Краков шаарында китепче болуп, англис тилинде жарык көрдү.

Алардын айрым билдирүүлөрүн Т. Чороев 1997-жылы «Заман Кыргызстан» газетасына жарыялаган. Мындан тышкары аларга арналган (Россиялык жана Батыш Европалык бир нече авторлордун макалалары бар (Ги Имар, Ю.С. Худяков, В. Бутанаев ж.б.). Кыргызстандык тарыхчы изилдөөчүлөрдүн арасынан фу-йу кыргыздары тууралуу тарых илимдеринин доктору Т.Чороев жана жаш изилдөөчү Г. Абдалиева (өзүлөрүнүн чакан макалаларында баяндашат («Нооруз», Вып.1, 1999; 160; Чоротегин, Заман Кыргызстан, 1997: 8-авг.). Жогоруда каралган макалалардын көпчүлүгү фу-йу кыргыздары жөнүндө кыскача маалымат берүүчү мүнөзгө ээ. Алардан башка Фу-йу ооданы жайгашкан Хэйлунцзян провинциясынын борбору Харбин шаарындагы «Хэйлунцзян улуттук Азчылыктар» институтунда «Кыргыз Улуттук изилдөө коому» илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Кытай изилдөө чүлөрү топтогон материалдардын айрымдарын Кытай Республикасындагы Кызыл-Суулук кыргыздардын окумуштуулары кыргыз тилинде которушкан (Кыргыздар, 1997: 202–208; 408–414). Азыркы учурда Кыргызстандык изилдөөчүлөрдүн Манжурия кыргыздарын тикеден-тике иликтөө мүмкүнчүлүктөрү жоктугуна байланыштуу, биз бул макалабызда алар жөнүндө кабарлаган адабияттардагы маалыматтарды пайдалануу менен чектелдик. Фу-йу кыргыздары провинциянын борбору Харбин шаарынан түндүк- батышка 300 километр алыстыктагы Руңжаң дарыясынын сол жак алабында жайгашкан. Алардын саны 1958-жылы жүргүзүлгөн эл каттоодо 640 жан болгон (Кыргыздар, 1997: 203). Ал эми 1982-жылы 778 (Ху Чженьхуа, 1989, №3). 1997-жылы 1200 жанга жеткен (Чоротегин, Заман Кыргызстан, 1997: 8-авг.).

Алар өздөрүн «кыргыс» (гыргыс) деп аташат. Жергиликтүү башка улуттагы адамдар «гиргис» деп айтышат. Мурунку мезгилде фу-йу кыргыздарын жергиликтүү монгол тилдүү улуттар менен кошо «оорат» (ойрат) деген жалпылама ат менен атай беришчү экен (Ху Чженьхуа, 1989, №3). Азыркы маалда миң жандан бир аз ашкан бул кыргыздар толугу менен өзүлөрүнүн улуттук тилин унутуп, ханзу (кытай) калкына сиңип кетүү процессин баштарынан кечирип жатышат. Себеби алардын башка улуттар менен болгон тилдик карым-катнашы, билим алуу системасы жана бардык маданий байланыштары ханзу тилинде жүргүзүлөт. Өзүлөрүнүн тилин билгендер бирин-серин гана жашы улгайган адамдардын арасында кездешип, алар дагы аны толугу менен билишпейт экен. Ошондуктан, алардын улуттук маданий мурасы да жок болуп бараткан (Янхунен, 1991: 9-май). Фу-йу кыргыздарынын тарыхы жөнүндө жазма документтер жокко эселик кылат. Ушул себептерден улам алардын түпкү теги, Манжурияга кайдан жана качан келгендиги тууралуу маселеде окумуштуулар арасында түрдүү көз караштар айтылып келет.

Фу- йу кыргыздарынын тилдик материалдарын изилдешкен кытайлык лингвист-түрколог Ху Чженхуа жана россиялык тилчи Э.Р.Тенишиев алардын тили Түштүк Сибирлик түрк элдеринин, өзгөчө енисейлик кыргыздар менен этникалык жакындыгы бар жана алардын тарыхый мекенин жердеп калышкан хакастардын тили менен жакындыгын белгилешет. Жыйынтыгында, жогоруда аталган изилдөөчүлөр фу-йу кыргыздары ала-тоолук кыргыздарга караганда енисейлик кыргыздар менен этникалык тектеш деген пикирге келишкен. Фин изилдөөчүсү Юха Янхунен да алардын «тили жана тарыхый малыматтары XVIII кылымдын башында Минусин ойдуңунан чыгышкан енисей кыргыздарынын тукумдары экендигин күбөлөп турат»,–деп жазат (Янхунен, 1991: 9-май). 1990-жылы Манжурияда болушуп, фу-йу кыргыздары жана алар жөнүндөгү маалыматтар менен жакындан таанышып келишкен С.Г. Скобелев, А.А. Шомоев, ошондой эле алар менен бирдикте көз карашын билдирген хэйлунцзяндык кытай изилдөөчүсү Чжан Тайсян, фу-йу кыргыздары 1703-жылы жунгар-ойроттору Ата Мекенинен зордоп көчүрүп кетишкен енисейлик кыргыздардын түздөн-түз урпактары деген жыйынтыкка келишкен. Алар жергиликтүү кыргыздардын азыркы мезгилде ханзу тилиндеги фамилияларга айланып кеткен алты уруулук бөлүнүшү бар экендигин белгилешет. Анын ичинен бир гана «Табхын» уруу аталышынан этимологиясы белгисиз. Ал эми калган беш уруулук аталыштардын бардыгы Түштүк Сибирлик уруулар менен байланышат. Мисалы, «Табын» уруусу орус архивдик жазмаларда Енисей өрөөнүндөгү «Кыргыз жергеси» менен катар жайгашкан «Табын жергесинин» аталышынан келип чыккандыгын айтышат. «Былтыр» уруусу XVII кылымдан бери Енисей жана Абаканда белгилүү «Белтир» этникалык тобу менен дал келет. Азыркы мезгилде алар хакас элинин көпчүлүгүн түзгөн уруу. «Чигдыр» уруусу орто кылымда кыргыздар менен Енисейде жашаган «чик» же «чиг» уруу атынан жаралган. Жогоруда айтылган үч уруулук түзүлүш XVIII кылымдын башында жунгар-ойроттору көчүрүп кеткен енисейлик кыргыздардын курамында болгондугун тарыхый жазмалар билдирет. Алсак XVIII кылымда орустарга барган жунгар элчилери енисейлик кыргыздардын табын, белтир, эчик (чик) деген кыштымдары болгондугун эскеришкен. Орус жазмаларында «чик» (эчик) аталышы «шик» улусу деп да жазылат. (ИСИКСОСЦА, 1991, 100). Фу-йу кыргыздарынын төртүнчү уруусу – кыргыс. Ал эми бешинчи «Сандырдыр» уруусун, макаланын авторлору XVII кылымдагы белгилүү инсан тубин (кыргыз) князы Шанданын атынан келип чыккан деген божомолду айтышат (ИСИКСОСЦА, 1991: 99–101). Фу-йу кыргыздарынын тарыхый-этнологиялык жана лингвистикалык маалыматтарына таянышкан көпчүлүк изилдөөчүлөр жогоруда айтылган көз караштарга кошулушат. Бирок алардан айырмаланган да пикирлер кездешет. Мисалы, Кыргызстандык жаш изилдөөчү Г.Абдалиева фу-йу кыргыздары, XIII кылымдын аягында Чынгыз хандын урпагы Хубилай хандын буйругу менен Манжурияга көчүрүлгөн Енисей кыргыздарынын айрым бөлүктөрүнүн калдыгы болушу мүмкүн деген ойду айтат («Нооруз», Вып.1, 1999: 160). Т.Чороев болсо, Манжуриядагы чакан кыргыз тобу XIII кылымдагы кыргыздар менен XVIII кылымда Чыгыш Түркстандан көчүрүлгөн енисей кыргыздарынын жуурулушунан чыгышы да мүмкүн деген божомолун билдирет (Чоротегин, Заман Кыргызстан, 1997, 8-авг). Белгилей кетчү нерсе, Фу-йу кыргыздары менен ХVIII кылымда Манжурияга көчүрүлгөн кыргыз топторун байланыштырган далилдүү фактылар кездешпейт. Экинчиден, XIII кылымда Манжурияга көчүрүлгөн орто кылымдагы кыргыздардын кичинекей бөлүгү 500 жыл бою жергиликтүү элге жуурулушуп кетпей, өз алдынчылыгын сактап калуусу өтө фантазиялуу көз караш болуп көрүнөт. Мындан башка дагы кытайлык изилдөөчүлөрдүн айрымдарында фу-йу кыргыздары XVIII кылымда жунгар-ойроттору талкаланган мезгилде алар менен кошо кеткен Синьцзяндык (Чыгыш Түркстандык, б.а., Ала-Тоолук) кыргыздардан болушу ыктымал деген пикир айтылат (Кыргыздар, 1997: 202).

Жогоруда каралган маселенин жыйынтыгы боюнча фу-йу кыргыздарын изилдөөчүлөрдүн дээрлик бардыгы, бул чакан этностун енисейлик кыргыздардан чыккандыгын айтышат.

Алардын Манжурияга кайсыл мезгилде жана кандай шартта баргандыгына келгенде, окумуштуулардын көз караштарында айырмачылыктар болгондугу байкалат. Мындай шартта манжуриялык кыргыздар өздөрү оозеки айтып келишкен тарыхый уламыштарды иликтеп, андагы маалыматтарды, алардын түпкү-тегин, тарыхын тактоо үчүн пайдалануу өзгөчө мааниге ээ болот. Ошондуктан, фу-йу кыргыздарынын бизге белгилүү болгон тарыхый уламыштарын талдап көрүүнү ылайык таптык. Санжазы кыштагынын тургуну Доюр Забу деген фу-йу кыргыз өкүлү айтып берген эки тарыхый уламышты кытай изилдөөчүлөрү жазып алышкан. Аны кытайдагы Кызыл-Суулук кыргыз окумуштуусу Алмамбет Осмон уулу кыргызчага которгон (Кыргыздар, 1997: 408–414).

Уламыштарда XVIII кылымдын ортосунда Чыгыш Тянь-Шанда болуп өткөн, Жунгар хандыгынын кыйроо мезгилиндеги тарыхый окуялар чагылдырылат. Анын кыскача сюжети төмөнкүчө берилет: Илгери Алтай, Каңгай тоолорунун айланасында жашаган элдин Шаазада Давачы (Давацы – Р.Ж.) деген падышасы болот. Анын сулуу аялы, тулпары жана отуз эки сангун (сан – Р.Ж.) жоокери болуптур. Бир мезгилде падыша Ченлуң (кытай падышасы) аларга каршы жортуул жасап, Шиңжанга (Синьцзянга, б.а., Чыгыш Тянь-Шанга – Р.Ж.) келет. Давачынын жээни хот (хойт – Р.Ж.) уруусунун башчысы Амирсына (Амирсана) чындарга (кытайларга – Р.Ж.) баш ийип, шаазада Давачыны жана анын элин чындарга кошулууга үндөп чыгат. Анын бул кылыгы Давачыга жакпайг. Акыры Амирсына амал менен таякеси Давачыны чындарга туткунга түшүрүп берет. Аны бошотуп алуу үчүн кол башчы Калчор жана анын жардамчысы Йовгун мерген отуз эки сангун аскерди алып кытайлардын артынан кууп жөнөшөт. Алар Орхун (Орхон – Р.Ж.) дарыясына жетип, аскерлер суудан өтүп жаткан мезгилде, дарыя ташкындап көп адам сууга агып өлөт. Ошондон улам дарыянын бул өйүзүндөгү Иовгун мергендин колунан, анын акеси Калчор бир нече жүз жоокер менен дарыянын аркы өйүзүндө бөлүнүп калат да, кытайлардан жеңилип, аларга туткунга түшөт.

Шаазада Давачыны болсо Бээжин шаарына алып келишет. Бирок ал падышага моюн сунуудан баш тарткан соң, ага Амирсынаны жиберип көндүрмөк болушат. Давачы Амирсынаны көрүп бетине жаба түкүрөт. Ошондон тартып чыккынчынын бетине жара чыгып, акыры ал ошол жарадан өлөт. Шаазада Давачы эл-жерин, сулуу аялын сагынып, өзүн өзү өлтүрөт. Бул окуядан кийин Давачынын күлүк тулпары кытайлардан качып чыгып, шаазаданын алтын айымына жетет да, аны көргөндө үч жолу кишенеп жан берет. Алтын айым Давачынын өлгөнүн түшүнүп, Алтай тоосуна чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес экен. Сулуу айымдын көз жашынан Алтай, Каңгай тоолорунун башына кар пайда болуп, ал жыл бою эрибес болуп калат. Ушундан соң кыргыз эли жоболоңго туш болуп тынч ала албаптыр (Кыргыздар, 1997: 408–412).

Экинчи уламыш, биринчи уламыштагы окуянын уландысы катары айтылат. Калчор кытайларга колго түшкөндөн кийин, аны Ченлуңдун жардыгы боюнча өлтүрүшөт. Йовгун мерген болсо, Алтай, Каңгай тоо кудайларына: «Агам Калчорду туткундан бошотуп келем» – деп ант берет да, антын орундатыш үчүн Бээжинге жөө келет. Ал падыша Ченлуңдан агасы Калчорду бошотуп берүүсүн талап кылат. Падыша Иовгун мергендин өтө зор келбетинен сүрдөп: «Агаңды аскерге башчы кылып жортуулга жибергем, келгенче күтө тургун» – деп алдайт. Ал агасын күтүп жаткан мезгилде Бээжинге бир алп зумурук (зымырык – Р.Ж.) куш учуп келет да, анын канатынын далдаасынан шаар эли үч күнгө күн көрбөй караңгылыкта калат. Падыша Йовгун мергенди чакырып алып, бул зумурук кушту кетириштин бир айласын тапкын, антпесе агаң шаарды таап келе албай калбасын дептир. Йовгун мерген жаасын алып чыгып алп кушту атып, аны жарадар кылат. Йовгун мергендин баатырлыгына таң калган падыша: «Менин беш жүз сегиз асабалуу аскеримди машыктыр, ага чейин агаң келет», – деп айтат. Баатыр макул болуп кытай аскерлерин машыктырып жүрсө, бир жоокер жөжөнү кармап алып кыйнап жатканын көрөт. Ага: «Кичине жөжөнү кыйноо уят эмеспи,– деп эскертсе, жоокер,– мунун эмнеси уят, падыша бизге чын аскерлери үчүн кыргыздарды өлтүрүш тоок өлтүргөндөн да оңой деп үйрөткөн, сен болсо агаңды күтүп жүрөсүң, агаң эчак эле өлгөн» деген жооп айтат. Муну уккан Йовгун мерген кытай аскерлеринин бардыгын өлтүрүп, падыша Ченлуңга келет да, аны жаасы менен мээлеп туруп: «Агамдын эмне болгондугун тез айтып бер, болбосо сени да аскерлериңе кошуп коём»,– дептир. Падыша коркконунан ээси ооп жыгылат. Йовгун мерген падышанын ушунчалык суу жүрөктүгүнөн жийиркенип ага тийбестен, жебесин анын тагына сайып коюп, элине кайтып кетет. Кытай падышасы кыргыздардын эр жүрөктүүлүгүн билгенден кийин илгери Давачы жана Калчор менен кошо колго түшкөн кыргыздарды Фийлуңжандын (Хейлунцзян) Айгун, Бүкүй, Хайлар, Холен, Баен жерлерине сүрүп, аларды сегиз тууга бөлүп коёт. Ошондон бери кыргыздардын бир бөлүгү Хейлунцзянда (Фу-йу ооданы) жашап калыптыр (Кыргыздар, 1997: 412–414). Фу-йу кыргыздарынын бул тарыхый уламыштарында фольклордук көркөмдөөлөр арбын кошулуп, анын мааниси мифтик-жомоктук мүнөзгө ээ болуп турат. Ошондой болсо дагы, алардын негизги өзөгүндө, XVIII кылымдын ортосунда Кытай империясы тарабынан талкаланган Жунгар хандыгына тиешелүү тарыхый окуялар камтылып жатат. Андагы тарыхый маалыматтардан Фу-йу кыргыздары XVIII кылымда Жунгар хандыгынын курамында тургандыгын көрөбүз. Жунгарлардын мамлекетинин кыйроо мезгилиндеги акыркы башкаруучусу Давацыны бул кыргыздар өзүлөрүнүн ханы катары эсептешет. Уламышта айтылган Давацы менен Амурсынанын бийлик талашуулары жана кытайлар тарабынан алардын талкаланышы тарыхый факты (Златкин, 1983: 332). Чындыгында эле, Давацы менен Амурсынанын таяке-жээндик туугандыгы болуп, уламышта айтылгандай Амурсына хойт уруусунан болгон (Сапаралиев, 1995: 54). Уламыштагы маалыматтардын тактыгы, ошондой эле Амурсынанын денесине жара чыгып өлгөндүгү (чындыгында ал чечектен өлгөн), фу-йу кыргыздары XVIII кылымдын ортосундагы Жунгар хандыгынын тарыхын жакшы билишкендигин тастыктап турат. Бул фактылар Манжурия кыргыздары Жунгар хандыгы менен качандыр бир мезгилде тыгыз байланышта жашап тургандыгын ырастайт. Ал эми манжурия кыргыздары Фу-йу ооданында илгерки мезгилдерден бери эле Жунгар калмактары, алардын ичинен калмактардын өлөт уруусу менен бирге жашап тургандыгы уламышта айтылган окуяны бекемдейт. Енисей өрөөнүн кыргыздардын калдыгы XVIII кылымдын башына чейин мекендеп келгендиги белгилүү. Ал жерден аларды Жунгар калмактары 1703-жылы өзүлө рүнүн Иле дарыясынын боюндагы ордо тарабына көчүрүп келишкен (Абдыкалыков, 1964: 12–19). Архивдик маалыматтар боюнча енисейлик кыргыздар Жунгар калмактарынын курамында Чыгыш Теңир-Тоо аймагында болушуп, алардын айрым бөлүктөрү Борбордук Теңир-Тоодогу Талас өрөөнүнө чейин жеткендигин көрөбүз (Потанин, 1867: 101). 1758–60-жылдарда Кыргыз-Казак кошуундары жана Кытай империясы тарабынан талкаланган Жунгар-калмактарынын жана алардын курамындагы элдердин көпчүлүгү кырылып, айрым бөлүктөрү туш тарапка качышкан. Алардын арасындагы енисейлик кыргыздардын айрымдары да, Россиянын аймагы аркалуу өзүлөрүнүн байыркы мекени Түштүк Сибирге кетүүгө кылган аракеттери документтерде сакталып калган (Валиханов, 1985: 167–270).

Жунгар хандыгындагы элдердин кээ бир бөлүгүн Кытай империясынын жазалоочу отряддары Кытайдын ички территориясына, анын ичинде Манжурияга да зордоп көчүрүшкөн. Алардын эң ири бөлүгү, т.а., 25 эскадрону фу-йу кыргыздары жашап турган Хэйлунцзян провинциясына көчүрүлгөндүгү белгилүү (Чернышев, 1990: 89).

Уламыштагы маалыматтарга караганда фу-йу кыргыздары ошол мезгилде, тактап айтканда, XVIII кылымдын ортосунда Жунгар-калмактары менен кошо көчүрүлгөн енисейлик кыргыздардын чакан бөлүгү экендиги көрүнүп турат.

Эгерде алар Ала-Тоолук кыргыздардан бөлүнүп кеткен болсо, анда алардын тарыхый уламыштарында, биздин кыргыз эли жана алар менен кошуна жашаган Орто Азиялык элдер, ошондой эле жер-суу аттары жөнүндөгү маалыматтар сакталып, кандайдыр бир деңгээлде калмак башкаруучуларын кыргыз элинин өкүмдарлары эмес, душман катары сүрөттөшмөк. Себеби Ала-Тоолук кыргыздар Жунгар хандыгы мезгилиндеги тарыхый окуяларды оозеки чыгармачылыгында өтө бекем сактап калышкан. Кыргыз санжыраларында калмактардын ири жетекчилери гана эмес, алардын экинчи пландагы айрым аскер башчыларынын да аты жөнү, жасаган иштери майда-чүйдөлөрүнө чейин баяндалат. Эң башкысы калмактар менен болгон Ала-Тоолук кыргыздардын согушу элдин эсине бекем тутулуп, алар кыргыз элинин тарыхындагы эң биринчи башкы душман катары эскерилет. 250 жыл чамасында болуп өткөн мындай ири тарыхый окуя фу-йу кыргыздарынын эсинен такыр чыгып кетиши мүмкүн эмес эле. Буга оозеки чыгармачылыктын мыйзамченемдери дагы жол бербейт. Этнография илиминде 200–300 жылга чейинки тарыхый окуялар элдик уламыштарда жетишээрлик деңгээлде бекем сакталары далилденген (Жданко, 1950. – Т.9.: 126; Толстова, 1984:22). Ошондуктан, дагы фу-йу кыргыздарын Ала-Тоолук кыргыздардын эмес, Енисей кыргыздарынын бир бөлүгү деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Фу-йу кыргыздарынын тарыхый уламыштары боюнча чыгарылган биздин жыйынтыкты алар жөнүндөгү айрым тарыхый-этнграфиялык маалыматтар бекемдешет. Биринчиден лингвист окумуштулардын изилдөөлөрү фу-йу кыргыздарынын тили Ала-Тоолук кыргыздардын тилине эмес, түштүк Сибирдеги хакас ж.б. түрк элдеринин тилдерине жакындыгын көрсөтүшү аркылуу алардын сибирлик кыргыздар менен тилдик байланышын далилдейт. Экинчи, фу-йу кыргыздарынын азыркы мезгилде сакталып калган уруулук бөлүнүшү же алардын кытайланышып кеткен фамилиялары Енисейлик кыргыздардын уруулук курамы менен дээрлик дал келет. Үчүнчү, Манжуриядагы кыргыздардын диний түшүнүктөрү да, аларды енисей кыргыздары менен байланыштырат. Кытайлык изилдөөчүлөрдүн маалыматтарында фу-йу кыргыздары калмактар сыяктуу эле лама динин тутунушат. Бирок алардын диний түшүнүктөрүндө шаманизмдин элементтери өтө күчтүү сакталып калган. Алар айрым убактарда енисей кыргыздары сыяктуу эле өлүктөрүн өрттөшүп, күлүн таш кутуга салып жердешет. Мындан тышкары диний сыйынууларында шам жагуу, бөрүнүн, уйдун тезектерин түтөтүү ж.б. көптөгөн отко табынуу салттары колдонулат (Кыргыздар, 1997: 206–207). Бул фактылар фу-йу кыргыздары енисей кыргыздарынын рухий түшүн үк төрүн алып жүргөн алардын кандайдыр бир бөлүгү экендигин күбөлөйт. Төртүнчү, фу-йу кыргыздарынын Манжуу жерине кандай жол менен жана кайсыл мезгилде келгендиктерин баяндаган тарыхый уламыштарга анализ жүргүзүү, алар Жунгар-калмактарынын курамында жашап турушуп, калмактар менен чогуу XVIII кылымдын ортосунда Кытай жергесинде көчүрүлүп келгендигин көрсөтөт. Бул болсо Жунгар хандыгына Сибирден көчүрүлүп келген енисей кыргыздарынын бир бөлүгү, фу-йу кыргыздары экендигин тастыктайт.

Манжуриялык кыргыздар жөнүндөгү тарыхый-этнографиялык маалыматтарды изилдөөнүн жалпы жыйынтыгы, кытай жергесиндеги кыргыз деп аталган бул чакан этнос, енисей кыргыздарынын XVIII кылымдын ортосунда Манжурияга көчүрүлүп келген кичине бир бөлүгү деген корутундуну чыгарат.

Эгерде фу-йу кыргыздары енисей кыргыздарынын кичине бир бөлүгү болсо, анда алардын уламыштарындагы фольклордук мотивдерди биздин Ала-Тоолук кыргыздардагы фольклордук мотивдер менен салыштырып изилдөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби енисей кыргыздарынын башка түрк элдери менен аралашпай, өз алдынча сакталып калган калдыгы манжуу кыргыздарынан башка жок десек болот. Ошондуктан, фу-йу кыргыздарынын биз пайдаланган тарыхый уламыштарындагы айрым мотивдерди кыргыз элиндеги фольклордук мотивдер менен салыштырып көрүүгө аракет кылалы.

Фу-йу кыргыздарынын уламышында колго түшүп калган агасын бошотуш үчүн барган Йовгун мергенге кытай падышасы агасын көрсөтпөй көпкө кыйнайт. Агасынын бошонушун күтүп жаткан Иовгун мерген кокусунан пайда болгон алп кушту жаа менен атып жарадар кылгандыгы үчүн падышага жагып, анын аскерине машыктыруучу болуп калат.

Дал ушул сыяктуу мотив кыргыз уламыштарында да кездешет. Алсак, санжырада адигине уруусунун курамындагы жору уругунун пайда болушун төмөнкүчө түшүнд үрөт. Илгери заманда Адигине душмандын колуна түшүп калат. Агасын туткундан бошотуш үчүн иниси Тагай душмандардын падышасына барат. Бирок падыша аны кабыл албай коёт. Ошондо Тагай падышанын аң уулоого чыгуучу жолунан күтүп олтурат. Жигиттери менен мергенчиликке чыгып бара жаткан падышага жолугуп, өзүнүн ага келген себебин түшүндүрөт. Падыша анын айткандарына көңүл бөлбөй, Тагайдын колундагы жаасын көрүп: «Эмне сен жаа аталасыңбы,– дейт да, көкөлөп учуп жүргөн жоруну көрсөтүп,– эгер сен тээтиги жоруну атып тийгизсең, агаңды бошотуп берем»,– дейт. Тагай жаасын колуна алып жоруну атканда, ал падышанын дал астына кулап түшөт. Тагайдын мергенчилигине ыраазы болгон падыша агасы Адигинени бошотуп жана ал экөөнө кызмат кылсын деп бир жигитти кошуп берет. Кийин ал жигитти жору атканда келген деп жүрүшүп, Жору атыктырышат да, андан тараган тукум Жору деп аталып калат.

Уламыштардагы бул фольклордук мотивдер бири-бири менен өтө жакын. Колго түшкөн адамдарды бошотууга барган адамдардын аскердик өнөрлөрүнүн артыкчылыктарын белгилейт. Мындай окшош мотивдер бири-биринен алыс турган эки этностун уламыштарында колдонулушу, алардын кандайдыр тарыхый бир мезгилде этникалык биримдикте тургандыгын далилдейт.

Фу-йу кыргыздарынын ушул эле уламышындагы Йовгун мергендин өтө зорлугу жана анын Бээжинге чейин жөө келиши, кыргыз санжырасындагы Тобок алп жөнүндөгү уламышты кайталагансыйт. Кыргыз элинин уламышындагы Тобок алп, ат көтөргүс зор болуп, өзүнүн тууганын кытай туткунунан куткарыш үчүн Бээжинге чейин жөө баргандыгы айтылат. Ал эми Йовгун мергенди тооктун жөжөсүн кыйнап жаткан кытай аскери ардантып, агасынын өлгөндүгү жөнүндөгү чындыкты билгизгендиги, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында кеңири жолуга турган фольклордук мотив. Уламыштык каармандарга жашырып, айтпай келген чындыкты кыргыз фольклорунда экинчи пландагы кейипкердин угузуп коюшу салттуу көрүнүш. Алсак, Тагай бийдин экинчи аялынан туулган Карачоро уулуна, ал жаш кезинде ойноп жатып уруп койгон баланын энеси: «Мындан көрө Тагай атаңды таап алсаң боло тентибей»,– деп ага чындыкты ачуусу менен ачып берет. Ушундай эле окуя кыргыз элинин улуу чыгармасы «Манас» эпосунда Семетейге анын Манастын уулу экендигин угузган эпизоддон көрүнөт. Мындай мисалдарды талдай берсек арбын эле жолугат. Фу-йу кыргыздары менен кыргыз тарыхый уламыштарындагы эң башкы окшоштук деталь, алардын байыркы мекени жөнүндөгү маалымат болуп эсептелинет. Фу-йу кыргыздарынын биз караган уламыштарында алардын байыркы мекени катары Енисей өрөөнү эмес, Алтай, Каңгай тоолору көрсөтүлөт (Кыргыздар, 1997: 408, 412). Ошондой эле Каңгай тоосунун аймагындагы Орхон (Оркун) дарыясы да эскерилет (Кыргыздар, 1997: 410). Бул болсо Манжуриядагы кыргыздардын же, башкача айтканда, Енисей кыргыздарынын тарыхында Алтай, Каңгай тоолуу аймактары алар үчүн кандайдыр бир мааниге ээ болуп, элдин тарыхый эсинде сакталып калгандыгын күбөлөйт. Ал эми кыргыз санжыра, уламыштарында болсо, кыргыздардын байыркы мекени да Алтай, Каңгай тоолору болуп эсептелинет. Мисалы, кыргыз эли азыркы мекенине Алтай Каңгайдан келгенбиз деген баяндамалар арбын кездешет (Солтоноев, 1993: 94).

Жогоруда каралган этнографиялык маалыматтар фуйу кыргыздары енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү экендигин көрсөтсө, алардын уламыштарындагы мотивдер менен кыргыз элинин фольклордук мотивдеринин окшоштуктары, Енисей жана Ала-Тоо кыргыздарынын тарыхый бир мезгилде бир бүтүн этнос болгондугун билдирет. Эки башка этностордогу бирдей фольклордук мотивдердин пайда болушу үчүн, алар тарыхый бир мезгилдерде тыгыз этномаданий алакада болушу, бирдей коомдук маданиятты баштарынан чогуу кечириши зарыл. Ошондуктан, Енисей жана Ала-Тоо кыргыздарындагы бирин бири кайталаган фольклордук мотивдер, алардын этногенетикалык байланыштарын чагылдырат. Ал эми Енисей жана Ала-Тоо кыргыздарынын генеалогиялык уламыштарында алардын байыркы мекени Алтай, Каңгай аймактарынын берилиши кызыктуу тарыхый фактыны айкындайт. Белгилүү болгондой, орто кылымдардагы Кыргыз мамлекети 840-жылы Уйгур каганатын талкалап, Борбордук Азияга үстөмдүгүн орноткон. Алар жеңип алган уйгур жери Каңгай тоолоруна көчүп келгендигин кабарлаган кыргыз элчилеринин кытай императоруна берген маалыматтары тарых булактарында жазылып калган. IX кылымдын ортосунда кыргыз каганаты негизинен Каңгай, Алтай (Моңгол Алтай) тоо аймактарын байырлашып, ал жерлердеги элдерге саясий үстөмдүгүн жүргүзүү мүмкүнч үлүктөрүнө ээ болушат. Тарыхый уламышта эскерилген Алтай, Каңгай аймагы, дал ошол IX кылымдын ортосунан X кылымга чейинки тарыхый окуялардын жаңырыгы деп атасак болот.

Фу-йу кыргыздарынан алынган маалыматтар боюнча Енисей жана Ала-Тоо кыргыздарынын өз ара байланыштарын изилдөө аракети биринчи жолу болуп жаткан жок. Биздин изилдөөгө чейин, илимде алгачкы жолу орус лингвисти Э.Р. Тенишев фу-йу кыргыздары енисей кыргыздарынын бир бөлүгү экендигин алардын тилдик маалыматтары боюнча аныктап, ал тилдин базасында байыркы кыргыз тилин реконструкциялап чыгуу менен, азыркы кыргыз тилинин байланыштарын ачып берген «Древнекыргызский язык» аттуу эмгегин 1997-жылы басмадан чыгарган (Тенишев 1997: 5–6). Фу-йу кыргыздарынын уламыштарына жүргүзгөн биздин анализ Э.Р.Тенишевдин илимий тыянактарын бекемдеп, Енисей кыргыздары менен Ала-Тоолук кыргыздардын этногенетикалык тектештигин толук ырастады. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгын төмөнкүчө корутундулоого болот:

  1. Манжуриядагы жашаган фу-йу кыргыздары XVIII кылымдын ортосунда кытай бийликтери тарабынан көчүрүлгөн жунгар калмактары менен кошо кеткен Енисей кыргыздарынын бир бөлүгү.
  2. Фу-йу кыргыздарынын тарыхый-уламыштарын иликтөө Енисей жана Ала-Тоо кыргыздарынын өз ара этногенетикалык байланыштарын ачып берди.

Адабияттар

Абдыкалыков А. Енисейские кыргызы в XVIII в. (Исторический очерк): Автореферат на соиск. уч. степ. канд. ист. наук.– М., 1964.

Бутанаев В.Я. К вопросу о кыргызско-хакасских этнографических связях//Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии: Материалы межд. науч. конференции – Бишкек, 1996.

Валиханов Ч.Ч. Собр. соч. в пятн. т-х.-Т.2. – Алма-Ата, 1985.

Жданко Т.А. Очерки исторической этнографии каракалпаков// Тр. ин-та этнографии им. Н.Н. Миклухо-Маклая. – М.; Л., 1950. – Т. 9.

Златкин И.Я. История Джунгарского ханства: 1635–1758. – М., 1983.

Источники по средневековой истории Кыргызстана и сопредельных областей Средней и Центральной Азии: Тезисы докладов и сообщения межресп. научн. конф. посвящ. памяти В.В. Ромодина. – Бишкек, 1991.

Международное отношение в Центральной Азии XVII–XVIII вв. Документы и материалы.- Кн. 1.–М, 1989. – 375 с.; к.н.2. – М, 1989.

Обычаи и традиции и обряды народов Востока: Материалы науч. практ.конф. посвящ. празднику «Нооруз». – Вып. 1. (Инст.

восточных языков и культур). – Бишкек, 1999.

Потанин Г.Н. Материалы для истории Сибири, – М., 1867. (Отд. отгиск).

Салк Г., Мамбет-турду. The «Fu-yu Gyrgis»: according ta the present-day situation and the legendery past. – Krakow, 1998.

 

      К. МАТИКЕЕВ

ШЫНЖАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР

Түндүк-батыш Кытайдан табылган неолит дооруна тиешелүү болгон эмгек куралдары, үй буюмдары бул аймакта адам баласы миңдеген жылдар башта жашап келгендигин кабарлайт. Кытай тарыхчысы Фан-Ван-Лань (1950-ж.) Хуанке өрөөнү Борбордук Азияда адамдардын жашоо бешиги болуп, андан кийин башка аймактарга таркалган деп көрсөтөт. Элдердин бул аймактарга чачыранды абалда таркалышы, биринчиден, тынымсыз согуш, экинчиден, суулуу жерлер менен тыгыз байланышта болгон. Бул аймак нечен жолу бир хандыктан экинчисине өтүп турган. Ар бир хандык өз элин орноштурууга, өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Натыйжада, баштагы доорлордун маданий байлыктары, эстеликтери, жер-суу аттары бир нече жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. Ошондуктан аз санда болушуна карабастан бул аймактын калкы өтө эле ар түрдүү. Анда хансулар – кытайлар, зансулар – тибеттиктер, монголдор, кыргыздар, казактар, уйгурлар, өзбектер, манжулар, дунгандар, тажиктер, арабдар, корейлер, индустар, орустар, алтайлыктар ж. б. элдердин өкүлдөрү аралаш жашайт. Мисалы, монголдор, Гобиден баштап Гималайга, казактар Иледен Хамиге, уйгурлар Кызыл-Суудан «Хэси коридоруна» жана «Улуу Кытай сепилине», зансулар Тибеттен Бэйшанга чейинки аралыктарда чачыранды абалда жайгашкан. Ал эми кытайлар аймактын бардык жеринде кездешет.

Борбордук Азиядагы бир кылка жашаган элдер болуп тажиктер, дунгандар жана кыргыздар саналат. Тажиктер Каракорум тоосунун этегинде, Кытай Афганистан, Тажикстан менен чектешкен Ташкоргон өрөөнүндө жашайт. Дунгандар (мусулмандашкан кытайлар) Үрүмчү шаарынын, Баграш көлдүн, Синин шаарынын айланасында отурукташып, негизги массасы Ордос жалпак тоосунда жашайт. Ал эми кыргыздардын негизги топтору биздин республикабызга жаматташ Какшаал жана Терек тоолорунун аркы бетинен орун алган. Бул кыргыз областында 130 миң кыргыз жашап, борбору Артуш шаары. Ошондой эле аз сандагы кыргыздар Куэнь-Лунь тоосунун батышында (70–80 үйлүү), Хэйлун-цзянь провинциясында (116 үйлүү), Оркшар тоо этегинде 1500 кыргыз, Текесте, Кундузда, Кулжада, Үрүмчүдө, Байымбулакта, Монгол Алтайында жана Тибетте жашашат.

Тарим дарыясынын төмөнкү бөлүгүндө жана Лобнор көлүнүн айланасында аз сандагы Лобу эли жашап, алар кыргыздар менен Монголдордун ортосунан келип чыккан. Үрп-адаттарында, салттарында эки элдин тең белгилери сакталып калган. Алар көбүн эсе кыргызга жакын келип, түпкү тегибиз кыргыз болуптур деп айтышат экен. Негизги тиричилиги балык кармоо жана аңчылык болгон бул элдин дарыгер-табыптарын чоң шаарлардын базарларынан көп жолуктурасың.

Кыргыздар. Шынжандын түштүк батышында, ТяньШань, Алай тоолорунун этектеринде жашап, негизинен мал багуу менен тиричилик өткөрүшөт. Бул аймак Кызылсуу кыргыз областы деп аталып, борбору Артуш шаары.

Кыргыздар азыркы күнгө чейин уруу-урууга бөлүнүп, белгилүү бир өрөөндөрдө жашашат. Какшаал тоолорунда Черик, Каратерек өрөөнүндө жана Кызылойдуң айланасында Адигине, Кулжада, Турфанда, Текесте, Кунесте – бугу, сарбагыш жана солто уруулары басымдуулук кылат. Ал эми Куэнь-Луньдун батышында жашаган кыргыздар өздөрүн уруунун атынан эмес жердин атынан айтышып – Сарыколдук (Памирдик) кыргызбыз дешсе, Тибетте, Алтайда, Хэйлунцзяньда жашагандары жөн гана кыргызбыз деп айтышат. Алардын саны кыргыз областындагы жашаган кыргыздардын жан санына (нопуска) кошулбайт. Ошондуктан Кытайда жашаган кыргыздар 130 миң нопус деп эсептелинет. Чындыгында, бул сан башка аймактарда жашаган кыргыздарды кошсо бир аз жогору болмок.

Шынжанда ата-бабаларынан бери ошол жерди жердеген жергиликтүүлөр, 1916-жылдагы Үркүндө барып калгандар, революция жана Ата Мекендик согуш мезгилдеринде барган кыргыздар жашашат. Мындай уруу-уруу болуп жашоо жер шартынын катаалдыгы жана катнаш маселесинин оордугу менен байланышкан. Ошондуктан кудалашуу өз айылдарынын ичинде гана жүрүп, бирибири менен кыз алып, кыз беришет. Айылдан 15–20 км алыстан кудалашуу аз санда. Ал эми башка улуттарга үйлөнүү же турмушка чыгуу – жок. Кыргыздар тоо таянып жашагандыктан, дээрлик көпчүлүгү (пайызы 95–96) мал чарбасында иштейт жана жыл мезгилдерине ылайык орун которуп көчүп жүрүшөт. Кышында кыштоолорго көчүп түшүп, бирин-экин бодо малдарын (уй, ат) жана эчкилерин ала келишет. Ал эми калган малдарын кышкы жайыттарда эркектери бой багышат.

Азыркы мезгилде колхоз же совхоз тибиндеги коомдук чарба жок. Бардык мал менчикке бөлүнүп берилген жана анын сакталышы, багылышы ар бир адамдын өзүнө гана таандык. Ошондой эле жайыт, чөп чабынды аянттар да бөлүнгөн. Ошондуктан ар бир адам тиричиликке чын дили менен киришип жашоо аракетинде болот. Малдан алынган жүн мамлекетке жогорку баада сатылат. Күз айларында ички шаарлардан келген соодагерлер айыл кыдырып кыргыздардын малдарын сатып кетет да, чоң шаарларда өз пайдасына сатат.

Айыл-кыштактарда беш, сегиз жылдык, ал эми элдүү чоң кыштактарда, райондун борборунда, шаарларда орто (он бир жылдык) мектептер болуп, аларда балдары алты жаштан баштап билим алышат. Орто мектептердин дээрлик көпчүлүгү жатакана менен камсыз болгон.

Адабияты, үрп-адаты

Шынжандагы кыргыздар биз сыяктуу эле «Манас» эпосун баркташып, аны чын дили менен сүйүшөт. Ошондой эле алар «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Кожожаш» ж. б. кыргыз эпосторун да оозеки айтышат. «Казыбек дастанын», «Молдо Кылычтын ырларын» көпчүлүгү жатка билишет. Жаштардын арасында биздин «Ала-Тоо таңшыйт» ырлар жыйнагыбыз абдан жогору бааланат.

Дегинкиси, Шынжандагы кыргыздар адабий китептерди сүйүп окушат жана аларга абдан муктаж. Алардын колуна тийген ар бир адабий китеп колдон колго өтүп, айылдагы жаштар тарабынан толук окулуп чыгылат. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин чыңдалышы, Кытайга баруучулардын санынын көбөйүшү андагы кыргыздарда биздин жазуучулар жөнүндө маалыматтардын болушуна шарт түзүүдө. Ошондуктан алар кытай, уйгур акындары, жазуучулары менен бир катарда советтик кыргыз, казак, орус жазуучуларынын чыгармаларын да окушат. Айрыкча Ч. Айтматовдун, Т. Касымбековдун, Т. Сыдыкбековдун, А.Осмоновдун чыгармаларын эң жогору баалашат. Кыргыз жаштары илимге жана адабиятка умтулуп турган учуру. Жергиликтүү газетага чыккан ырлар, аңгемелер толук окулуп турулат. Шынжандагы кыргыздардын арасында жергиликтүү обончулар Матай Ысанын, Турдахун Айсанын, Дүйшөкан Сейиттин, Каличанын ысымдары кеңири белгилүү. Үналгыдан же лоингден (могнитофондон) алардын ырларын берилүү менен угушат. Эң белгилүү обондор – «Улгайган кездин сүйүүсү», «Булбулдар», «Канчаны сүйөт жүрөгүң», «Ак калпак», «Жаш балапан», «Эстелик» ж. б. ырларды той-тамашаларда көп ырдашат. Ошондой эле Р. Абдыкадыровдун, А.Керимбаевдин, И.Аманбаевдин, Ж. Шамшиевдин, М.Өмүрканованын, А. Огомбаевдин,

М. Баетовдун ырларын жана обондорун жогору баалашат. Той-тамашаларда, эл чогулган жерлерде лоингден ыр-күүлөрдү угуп, комуз чертип, ыр ырдашып шайыр турмуш өткөрүшөт. Эл арасында комузга, ырга шыктуу адамдар көп болгондуктан, бир эле айылда ондогон комузчулар, элдик таланттар бар. Ошондой таланттуу адамдар жашаган айыл Каратерек өрөөнүндөгү Былкылдак айылы. Бул айылда 95 түтүн жору уруусу жашап, жаштарынын тең жарымы комузда ойноп, созолонтуп ырдап, өз элинин кумарын жазып турат. Алардын ичинде аймакка аздыр-көптүр белгилүү болгон комузчу Ади Муса, Матай Абдыкадыр, Жолдошмамат Шөпөй, Ысмайыл Жумаш, Токтокары Акан, Адилбек Кадыр, Чынар, Карим Байназар ж. б. жаштар бар. Элдин көөнөрбөс бул талантын кылымдар бою сактап, аларды муундан муунга өткөрүп келе жаткан элдин куту болгон карыялардын салымдары чоң.

Шынжандагы кыргыздардын комуз күүлөрү өтө эле муңдуу жана назик. Мүмкүн бул муңдуулук элдин басып өткөн жолуна байланыштуудур. Айтор, мен алардын «Жарым ай», «Билим зат», «Арман күү», «Сары арка», «Кыял жаш», «Калтар», «Терс кагыш», «Көпөлөк», «Тууган жер» ж. б. комуз күүлөрүн угуп отуруп, Какшаалдын катаал шартында тиричилик өткөрүп келген тээ алыскы ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун элестеттим. Үналгыдан эртели кеч Матай Ыса, Турдахун Айса, Дүйшөкан Сейит, Каличалар аткарган ырлардын сөзүн жазган жаштар да Шынжандык кыргыз уландары Мамет Ошур, Маматкерим, Орозбай Семет, Токтоназарлар. Алардын чыгармалары Кыргыз областынын, районунун маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан гана аткарылбастан, айылдык жаштардын оюн-зоок кечелеринде да көп ырдалат.

Европалык маданияттын айрым элементтери – рок музыканын бийлери үналгыдан жазылып алынып, жаштардын кечелеринде бийленет. Айрыкча мындай бийлер областтын, райондун борборлорундагы кечелерде көбүрөөк. Ал эми айыл-кыштактарда кадимки кыргыз бийлери басымдуу. Шынжандагы кыргыздар биздин элибиз сыяктуу эле ат чабыш, эңиш, күрөш, улак тартыш, жорго салдырыш, ордо атыш оюндарын жакшы көрүшөт. Ошону менен бир катар бизде жок төө жарыш, кочкор сүздүрүш мелдештерин өткөрүшөт.

Кыргыздардын тиричилиги мал менен болгондуктан, жыл мезгилдерине карап жаңы конуштарга көчүп турушат. Ошондуктан негизги унаа катары төө, топоз жана жылкы пайдаланышат. Боз үйдүн жабдыгы жүктөлгөн төө жетелеген ак сакалдуу карыя, ага удаалаш төө жүрүшүнө карай жай каалгый бастырган ак элечек байбиче, жабдыктуу ат минип кызыл-тазыл кийинген келин-кыздар, кунан, тай минип тизгин талаша эдиреңдешкен жаш балдар, укурук кармап жылкысын имере айдаган ак калпактуу уландар, тээ алыста жайыла оттоп, тоодон түшүп келе жаткан кой-эчки А. Кыдырназаровдун «Кыргыз көчү» деген күүсүн эсиңе салып, бабаларыбыздын көчүн элестетет. Кыргыздардын чыныгы көчү, басып өткөн татаал жолу, кутмандуу салт-санаасы, улуунун астында абийир сактоо Шынжандагы боордошторубузда эң сонун сакталып калган. Көч өтүп бара жатканда жолдогу айылдар айранкымыз алып чыгып, ат үстүндө жуткуруп, ага ак жол кааласа, көч келген айыл нан-боорсогун бышырып, чайын кайнатып, чаалыгып келгендерди тосуп турат. Айылдагы кары-жаш дебей унаалардан жүктөрдү түшүрүп, көчмөндөргө сый-урмат көрсөтөт. Айрым жакшы санашкандары мал союп өрүлүктөшөт.

Чыныгы кыргыз тоюнун салт-санаасы да ошол элде сакталып калган. Тойлордо улак тартыш, аркан тартыш, күрөш, эңиш, ат чабыш оюндары болуп, биздин элдегидей жасалма чектөөлөр менен өтпөстөн, ата-бабалар калтыргандай нукура абалда өтөт. Тойдун салтынын толук сакталышына жана өз ордулары менен өтүлүшүнө эл аксакалдары, байбичелер көз салып, керектүү учурда жөнгө салып турушат. Айрыкча салт-санаа кыз тоюнда катуу теске салынат. Кыз тоюнда күйөө тарап тогуздан кара айдап, кийит алып келишет. Кудалар келгенде жаштарга актык, таттуулук, ынтымактык тилеп, алар бирибирине ун, кант чачышып тосуп алышат. Андан кийин элге чачылоо таркатып, журткерчилик беришип, айыл аксакалдарынын батасын алгандан кийин кой мууздашып, кыз-күйөөнүн камын көрүшөт.

Тойго күйөө өз жолдоштору менен келип, кайнатасынын эшигинде кызды күтүп, бир-эки саат ырдап турушат. Жеңелер кызды алып чыгып, күйөө болуучу жигит экөөнүн белдерин ортосунан киши өтпөгүдөй кылып жип менен байлашат. Бул салт жаштардын сүйүүсү тыгыз болсун, ортосуна кара ниет бирөө түшпөсүн деген максатта аткарылат. Кыз менен күйөө алгач жолукканда бири-биринин бутун алгачкы болуп басууга аракет кылат. Себеби ким биринчи басса, үй-бүлөдөгү бийлик ошого өтөт деген түшүнүк бар. Андан аркы салт-санаалар толук бүткөндөн кийин кызды узатуунун камы башталат. Алгач энеси, андан кийин жеңелери, эжелери көшөгө ичинде, ак жоолук астында кыз менен көрүшөт. Көрүшүү учурунда кызга, күйөөгө, кудаларга каалоолор, акыл-насааттар айтылат. Айрым куда тарапка нааразы болгон жеңелер аларды «чымчып» кошок айтышат. Андан кийин кара манатка тигилген кызыл көштөлүү токулга токулуп, жүгөнүнө жана үзөңгүсүнө ак пахта байланган атка келинди мингизип, жеңеси атын жетелеп жолго чыгышат. Кызды узатарда айылдын жаш-карысы бардыгы чогулуп бата беришип, жаштарга бакыт-таалай, ынтымак-ырыс каалашат.

Жыл эсебин алуусу

Жыл ажыратуу, жыл сүрүү, жашты аныктоодо мусулмандын ай календарын пайдаланышат. Ошондой эле айдын жаңырышы, тогошуна (Марс планетасына болгон абалы) карап, жылдын жаанчыл же кургакчыл болушун аныкташат. Жылдар төмөнкү тартипте кыргызча, араб жана фарс тилдеринде: чычкан (пушт), уй (пахарь), жолборс (паланг), коён (харкуш), балык (жаян), жылан (мар), жылкы (аспи), кой (госпи), маймыл (андина), тоок (кук), ит (сак) жана доңуз (мурк) деп айтылат. Ал эми айлар бирдин айы (январь), жалган куран (февраль), чын куран (март), бугу (апрель), кулжа (май), теке (июнь), баш оона (июль), аяк оона (август), тогуздун айы (сентябрь), жетинин айы (октябрь), бештин айы (ноябрь), үчтүн айы (декабрь) деп бөлүнүп, биз колдонуп жаткан календардан 17 күн айырмасы бар. Бул айырмачылык жердин күндү айлануу убагы 360 күнгө, ал эми бардык айлар 30 күнгө барабар деп эсептөөнүн натыйжасында пайда болгон. Ошондуктан жети жылда бир айды «арасаат» деп ай эсептен чыгарып коюшат. Бул айда никелешүүгө, той берүүгө, сапарга чыгууга мүмкүн эмес.

Бир жылда эки жолу чилде түшөт деп эсептешет. Кыш чилдеси 40 күн жатып, үчтүн айынын беш эскисинде (25-декабрь) түшүп, жалган курандын он жаңысында (3 февраль) чыгат. Бул мезгил жылдын эң суук мезгили. Ал эми жай чилдеси теке айынын аягында башталып, баш оона айында толук үстөмдүк кылат. Бул мезгилде үркөр топ жылдызы түндүк жарым шарда көрүнүп, жылдын эң ысык мезгили болот. Ошондой эле бештин, үчтүн, бирдин айларын «токсон» мезгили деп эсептешет. Бул мезгил кургакчыл болуп күн суук келет, жаан, чачын анын түшүшүндө болот деп айтышат. Ошондуктан эл арасында «токсондун түшүшүнөн, чилденин чыгышынан сакта» деген сөздөр бар.

Кош айдоо, эгин себүү иштерин бугу айынын 17–20 күндөрүнөн кийин башташат. Себеби ошол мезгилде жердин алдынан «дем» келип, топурак ысып, уруктун өсүшүнө нормалдуу шарт түзүлөрүн байкашат.

Бул элде «тогоолдорду» байкоо жана аларга карап алдын ала айтуу көп жакшы өнүккөн. «Тогоол» – бул Гаджибут (Марс) жылдызы менен айдын ортосундагы абалы. Эгерде алардын аралыгы алыс болсо айдын жана гаджибуттун айланасындагы шакекчелер чоң болуп «төрө тогоол», ал эми аралыгы жакын болсо «колтук тогоол» деп аташат. «Төрө тогоолдо» жыл жакшы болуп, «колтук тогоолдо» катаал болот. Ошондой эле айдын үркөр топ жылдызына жакын келген учурунда да «тогоолдор» пайда болот. Мындай «тогоолдор» бирдин айынын он биринде, жалган курандын тогузунда, чын курандын жетисинде, бугунун бешинде, кулжанын үчүндө, текенин бир күндөрүндө болуп, үркөр айдын же оң тарабынан (түндүгүнөн) же сол тарабынан (түштүгүнөн) өтөт. Оң тарабынан өтсө жыл жакшы, сол тарабынан өткөндө катаал болот.

Мындай илимий географиялык түшүнүктөр биздин элде да болгон, азыр да айрым карыялар көптөгөн кубулуштарды байкашат. Бирок алар «илимдин» көмүскөсүндө калып кетип, биздин ата-бабаларыбыздын көптөгөн географиялык түшүнүктөрү да жок болуп бара жатат. Ошол бабаларыбыздын ааламга, географияга болгон көз караштарын сактап келе жаткан бул элдин карыяларына кандай алкыштарды айтсак да аздык кылар.

Кытай жергесинде жүргөн учурда көптөгөн кыргыз жаштары, карыялар, кызматчылар менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин, талаптарын, союздагы кыргыздарга болгон каалоолорун угуп, менде төмөнкү пикирлер пайда болду, аларды жалпы кыргыз журтчулугуна жеткирүү милдетим деп ойлоймун.

Жалпы мамлекеттик деңгээлде Кытайдагы кыргыз жаштарын биздин окуу жайларыбызда окутуп, жогорку билимге ээ кылуу. Бул маселени чечүүдө коомчулуктун, кыргыз өкмөтүнүн иштиктүү чараларын көрүшү эң эле зарыл.

Кыргыз үналгы редакциясында алар үчүн атайын берүүлөрдү уюштуруп, анда биздин ыр-күүлөрдөн тышкары, алардын ыр-күүлөрүн, таланттуу жаштарынын чыгармаларын берип турса кандай жакшы болор эле. Ошондой эле мектептерди окуу куралдары, айрыкча кыргыз тил китептери менен камсыз кылуу маселесин колго алсак дурус болмок. Себеби Шынжандагы биздин боордошторубуз билимге, кыргыз тилинин тазалыгына чоң далалат кылып жаткан учуру. Кыргыз тилинин статусун кабыл алган учурда алар биз менен бирге отурушуп, үналгыдан Жогорку Советтин чечимин укканда кандай гана кубангандыктарын айтуу кыйын. Боордоштор менен бирге биз да өз тилибиздин мамлекеттик тилге айлангандыгын Кытай жергесинде жүрүп угуп, кубаныч койнубузга батпай турду.

Манас кошундарынын жолу

Кыргыздын рухий дүйнөсүнүн туу чокусу болгон «Манас» эпосу бул элдин сүймөнчүлүгүнө ээ. Андан алар өз тарыхынан, бабалардын басып өткөн катаал жолдорунан кабардар болот, өздөрүн ошол мезгилде ушул чөлкөмдө жашаган согушчан кыргыздардын урпактарыбыз деп эсептешет. Ошондуктан канчалык кыйынчылыктарга карабастан, азыркы күнгө чейин Манас шаары, Манас суусу деген топонимдерди сактап калышкан. Алардын Шынжан аймагында байыртан бери жашап келе жаткандыгы тууралуу көптөгөн маалыматтар бар. Бул жагдайда В.В. Радловдун, В.В. Бартольддун, А.Н.Бернштамдын, Ч.Ч. Валихановдун, Л. Р. Кызласовдун, Ю.Худяковдун, Ө. Караевдин, Ху Чжень Хуанын, айрыкча Осмоналы Сыдык уулунун, Белек Солтонкелди уулунун эмгектеринин мааниси чоң. Бул эмгектерде кыргыздар Энесай, ТеңирТоо, Алтай, Саян, Памир, Котон тоолорунда жашагандыгы аныкталат. Демек, бул элдин негизги өзөгү Борбордук Азияда «Манас» дооруна чейинки жашаган кыргыздар экендигинде талаш жок. Мүмкүн ошондон уламбы Жүсүп Мамайдын «Манас» эпосунун 8 муунун айтышы.

Ал эми бизде бул эпос негизинен «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген аттар менен гана белгилүү.

Көкөтөйдүн ашында чатак чыгып, Коңурбай менен Манас касташып «Чоң казат» башталды, кыргыз кошуну Бээжинге аттанды. Ага чейинки согуштук кагылышуулар бул аймакты жакшылап билүүгө шарт түзгөн. Бул жөнүндө «Кыргызстан маданияты» (№ 37, 1988-ж.) жумалыгында жарык көргөн Ю. С. Худяковдун «Борбордук Азия кыргызы» деген макаласында III кылымдан баштап XVIII кылымга чейинки доорлордо Азиянын көк мелжиген тоолорунун, боз мунарыктуу чөлдөрүнүн учу-кыйырына көз жетпеген талааларында бирде жеңилип талоонго туш болсо, бирде жеңип эркиндикке ээ болуп турган кыргыздардын оомалуу-төкмөлүү тагдырлары ынанарлык фактылар менен ачык-айкын берилет. Бул макалада келтирилген окуялар, топонимдер эпостогу топонимдер жана окуялар менен шайкеш келет. Мисалы, Турфан, Куча, Жаркент, Хотан, Жонгар, Үч-Турфан, Алтай, Байкал ж. б. Ошондой бир тагдырдын жазмыш күнүндө кыргыз кошуну Таластан жиберилген кабар боюнча Бээжинге аттанды. Ал эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Бээжинге карай кол жүрүп, Беш айлык толук жол жүрүп –

деп жолдун алыстыгы ай эсебинде айтылат. Эгерде кошун күн сайын 30–40 километрден жол жүргөн болсо, АлаТоодон Бээжинге чейин 4500–6000 километр жолду беш айда басып өтмөк. Бул реалдуу чындык. Кошун айрым күндөрү тыныгып, айрым күндөрү ондогон километр жолду бир күндө басып өткөн. Бийик тоолуу ашуулар, кургак чөлдөр, ээн талаалар аркылуу өткөндө кошундун ылдамдыгы 10–15 километр айланасында болгон десек туура келмек.

Эпосто Бээжинге бараткан жол төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Бээжин жердин чети деп Томуктай тоо көрүнбөйт, Тозоңу көктөн бөлүнбөйт. Кашыктай болгон кары жок, Кайда болот Бээжиниң.

Кийинки ыр саптарында Ордос жана Лесс тоолору, Бейшань жана Алашан чөлдөрүнүн чаңдуу мунарык баскан асманы, көз жеткис боз чаптуу түздүктөрү сүрөттөлөт. Ал эми:

Жетиген кетти желкеге, Үркөрдү көрдүм төбөдөн Чолпонуң турду чокудан –

деген ыр саптарында Бээжинге кыргыз кошуну жеткен учурда астрономиялык кээ бир объектилер Орто Азияда түндүк чыгыштан көрүнсө, Борбордук Азиянын чыгышында так чокудан көрүнгөн.

Эпостогу Көкөтөйдүн ашында жаш Айдар Каркырадан чыгып, батышка жол алат да, Орто Чаткалдан Бухарага чейинки аралыктагы элге кабар берип, андан кийин Афган элине (Бадахшанга, Балхга), Мисирге (Ирак), Кубайыстын чөлүндө (Иран) жашаган элдерге кабар бергенден кийин жер урунту Желпинишке карай жүрөт. Желпиниш төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Канаты бардан жин жүрөт, Кайраты бардан пил жүрөт.

Бул ыр саптарында сөз Индия жөнүндө жүрүп жатканы талашсыз. Себеби кыргыздардын Африка (Магриб) жөнүндө түшүнүктөрү болбосо керек эле.

Жаш Айдар Желпиништен чыгышты карай жол жүрүп, Памирдеги, Тибеттеги элдерге кабарлайт да, андан ары Кытай, Калмак, Манжу элдерине кабар айтыш үчүн Борбордук Азияга жол алат. Ай Цайдам чөлү аркылуу Көкөнор көлүнө келип, кара түстөгү сланецтүү тоо тегинен турган Каспандын кара тоосун (Наньшань) ашып капкалуу Бээжин оозуна келет. Андан түндүккө бурулуп, Хангайдагы элге кабар берет да, батышты – Каркыраны карай бет алат. Көкөтөйдүн ашына Түп-Бээжин (азыркы Пекин) эли чакырылган эмес. Ал Айдар түндүккө бурулган «Хэсси коридорунан» 1300 км чыгышта жайгашкан. Ошол «Хесси коридору» аркылуу «Улуу Кытай сепили» да өтөт. Демек, эпостогу Кичи-Бээжин, Орто-Бээжин деген топонимдер азыркы Синин, Ланьчжоу шаарларына гана таандык, Эсенкан Бээжинде (Пекинде) эмес, Көкөнор көлүнүн айланасында жашаган. Көкөнордон Түп-Бээжинге чейинки аралык 1350 км ашык. Андан ары Алмамбет өз жерин төмөнкүчө сүрөттөйт:

Тетиги көрүнгөндөн көрүнгөн,

Көрүнбөсө тим эле Көк түтүн болуп бөлүнгөн, Чет-Бээжин деген жер ошол. Каспандын кара тоосу ошол, Капкалуу Бээжин оозу ошол.

Демек, Алмамбет Манаска Көкөнор түздүгүнүн чыгышынан Чет-Бээжин (Синин) шаарын көрсөткөн болуш керек. Себеби Көкөнордон 100 км алыстыктагы биринчи шаар Синин (Чет Бээжин). Бул шаар менен Тал чокунун аралыгы 300 км ашык болгондуктан, турнабайдан шаар мунарык болуп көрүнгөн. Шаарды бардык тарабынан тоо курчап тургандыктан, «капкалуу» деп сүрөттөлүп, ал эми анын батышындагы кууш өрөөн шаардын эшиги катары айтылат. Ошентип Манас кошунунун согушу да кытай эли менен эмес Борбордук Азиянын аймагында жашаган тибеттиктер, уйгурлар, калмактар менен болуп, айрым учурда гана урушка Хэйкэ дарыясынын чөлкөмүндө жашаган кытай уруулары катышышкан. Ал жөнүндө Бэйдикэ дарыясын бойлой салынган чеп – «Улуу Кытай» сепилинин азыркы күнгө чейин сакталып калган урандылары кабарлайт. Ошол чепти (капканын) ичинде көптөгөн байыркы шаарлардын урандылары жайгашкан. Мүмкүн Кичи-Бээжин, Орто-Бээжин шаарлары ошол урандылардын ордунда жайгашып, Алмамбет Бээжинден качканда Кыйжейренге Мажиттин Көкаласын коштоп, капканын дубалынан секиртип өтүп кеткендир. Кандай болсо да, Чет-Бээжин, Орто-Бээжин «Улуу Кытай сепилинин» сыртында, Хэйкэ дарыясынын чөлкөмүндө жайгашкан. Уруш негизинен аталган аймактарда жүргөн. Ал жөнүндө Ю.С.Худяков 841–843-жылдары Тан империясынын тукуруусу менен кыргыздардын чыгыш Түркстанды, Гобинин түндүгүн каратып алгандыгын далилдейт. Ошентип Чоң казатка аттанган кыргыз кошуну Бээжинге (Пекинге) эмес азыркы Сучжоу, Ганьчжоу, Синин шаарларына карай жүргөн. Бул шаарлар кытай жибегинин негизги борбору болгон. Ошондуктан кыргыз кошуну ошол шаарларды каратып алууга көбүрөөк аракет жасаган.

Ошентип Манас кошундары Бээжинге карай жол жүрдү, ат аябай мол жүрдү, аттары болду ыргайдай, өздөрү болду торгойдой. Борбордук Азиянын мунарыктуу асманы ого бетер чаң менен капталды. Бирок кошун суусуз, эбегейсиз чоң Такла-Макан, Жонгор жана Бэйшань чөлдөрүнөн кантип өттү? Бул суроо көптөгөн изилдөөлөрдү талап кылган маселелердин бири. Ошондуктан биз аз да болсо бул жагдайды талдоого аракет жасамакчыбыз.

Манас кошуунунун негизги күчтөрү үч багытта Орто Азиядан Борбордук Азияга карай жүргөн. Алп кара куштун учушун элестетип түзүлгөн кошундун ортосунда Манас, Кошой баштаган негизги күч, бүркүттүн текөөрү сымал болуп анжияндык Санжыбек баштаган оң канат менен Көкчө баштаган сол канаттын ортосунда жүргөн. Ал эми Бакай, Чубак, Сыргак, Алмамбет баштаган кошун бүркүттүн тумшугуна окшоп эң алдыда чалгын чалып, уруш талаасын тандап, кошундун конуучу жайын аныктап жүрүп отурган.

Негизги күч Торугаттын белин ашып, Такламакан чөлүнүн түндүгү менен жүрүп, Кашкар, Куча, Аксуу аркылуу өтүп, Баграшкөлдүн айланасына токтогон. Ал эми сол канаттын кошуундары Иле өрөөнү аркылуу жүрүп, Жангар чөлүнүн түштүгү менен Үрүмчү, Турфан шаарларына келип, Баграшкөлдө негизги күч менен бириккен. Сол канатты негизинен казак кошундары түзгөндүктөн, алардын өткөн жолдорунда жайгашкан казак уруулары колдоого алган. Ал эми оң канатты жети шаардын (Ташкент, Ходжент, Маргалаң, Наманган, Кокон, Өзгөн, Ош) элинен түзүлгөн кошун түзгөндүктөн, Санжыбектин жетекчилигинде Гүлчө, Алай өрөөндөрү аркылуу Эркечтамга түшүп, Кашкарда негизги күчкө кошулуп, Такламакан чөлүнүн түштүгү менен Жаркент, Хотан, Черчен шаарлары аркылуу Добнер көлүнө карай жол тарткан.

Жолдо кошунга Сараколдогу, Маралбашыдагы, Хотондогу жергиликтүү кыргыз уруулары жардам берген. Баграшкөлдө негизги күч жана сол канаттын кошундарынын белгилүү бөлүгү Тарим дарыясын бойлоп түштүккө карай жол тартып, Лобнор көлүнө жетпей, Чаркылык шаарынын аймагында Санжибек менен бириккен болуш керек. Себеби эбегейсиз зор Тарим чөлү бул аймакта куушурулуп, анын түндүгү менен түштүгүн Тарим дарыясы бириктирип калат. Бул аралыкты кошун дарыя бойлой 15–20 күндө басып өткөн. Кошундун андан аркы жолу Алтынтаг тоосунун түндүк капталы аркылуу өтүп, азыркы Булунгур жана Юймынь шаарларынын чөлкөмүндө сол канаттын Турфан, Хами ойдуңдарын басып өткөн экинчи жарымы менен кошулуп, Каспандын Кара тоосун ашып, «Бээжинге» чабуул жасайт. Ошол тоодогу Тал чокуда Алмамбет Манаска өз жери жөнүндө айтат, Көкөнор көлүн, атасынын Канжайлак деген жайлоосун көрсөтөт. Согуш талаасында баатырлар курман болуп, кошун кайра кыска жол менен Ала-Тоого жол тартат. Бул жол Санжыбектин кошуну басып өткөн жол эле.

Енисейден кыргыздардын Тянь-Шанга көчкөндөгү жолу

Көптөгөн байыркы – Ибн Хордадбек, аль-Истахри Ибн Ха-укал, Абу-Дулаф, Гардиза, Рашид-ад-Дин (IX–XV кылымдар) жана азыркы тарыхчылар – Л. Кызласов, Л. Н. Бернштам, Ю. Худяков, В. В. Бартольд, Ху Чжен Хуа, Ө. Караев ж. б. кыргыз эли алгач Энесайда жашап, алардын ордосу Минусин (Манас) ойдуңунда болгондугун далилдешет. Алардын изилдөөсү боюнча кыргыздардын таркалуу географиясы «Актоолордун» (Кунь-Лунь) түндүгүнөн Байкалга чейинки, Эдзингол дарыясынан азыркы

Томск жана Омск шаарларына чейинки аралыкта болгон.

Ал эми Орто Азияда кыргыздар Хазар (Каспий) деңизине чейин таркалган. Демек, эң жогорку географиялык түшүнүк биздин ата-бабаларыбыздын көчмөндүү турмушу менен байланыштуу болгон.

Ошентип көптөгөн согушту башынан өткөргөн кыргыздар IX кылымда Энесайдан Теңир-Тоого карай көчүштү. Бул жолдо көптөгөн тоолор, суусуз чөлдөр болгондуктан, көчтүн жолун аныктоо эң зарыл болгон. Экинчи бир себеби, Борбордук Азиядагы касташкан уруулар кыргыз көчү өз аймактары аркылуу өткөндө аларга кол салуу коркунучун туудурган. Ошондуктан көч согуштук абалды чагылдырып, алп кара куштун учушундай оң, сол канаттан жана негизги төкөөр болгон көч ортосунан турган жортуулдан айырмасы болуп, негизги күчтөр эки канат аркылуу жүрүп, ортоңку бөлүктө мал, көчтүн өзү турган.

Оң канатта Айдаркан, Көкчө баш болгон казак кошуну, көч ортосунда Үрбү жетекчилик кылган негизги көч (тыл), ал эми сол канатта Манастын колу Теңир-Тоону карай багыт алган, Эки канаттын милдети канаттагы жоокерлерди тамак-аш менен жабдып туруу жана негизги элди, малды алып өтүү болгон. Бул көчтө айрыкча чоң милдет Манас кошунуна жүктөлгөн. Себеби ал көчтүн чыгышын калмактардан, кытайлардан ж. б. уруулардан сактап, аларга керектүү жерде сокку уруп жүрүп отурган.

Казак урууларынан турган Көкчөнүн көчү азыркы Казакстандын чыгышы, Жонгор чөлүнүн батышы аркылуу өткөн. Көч Алтай тоосунун түштүк-батышынан Калбин тоолорун ашып, Акчий өрөөнүнө (Зайсан) туруп, андан ары Тарбагатайга жол тартат. Ал эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Тарбагатай кайда деп, Күрмөлтпөй жылкы айда деп, Күн жүрүш жак Жылдыз деп.

Бул ыр саптарында көч Тарбагатай тоосун карай жүргөндүгү, андан Түштүк батышта Жылдыз, Текес (ТерсМаео) өрөөндөрү жайгашкандыгы айтылат. Көкчөнүн бул жолду тандап алышы бекеринен эмес. Негизги максат казак талааларын өз колунда кармап калуу, ага өз урууларын жайгаштыруу жана тегиз талаа менен Каркыра, Иле, Кеген, Шарын өрөөндөрүнө тез жетүү. Бул эпосто төмөнкүчө айтылат:

Ай жарымына жол көчүп, Кан Айдаркан жай алып. Каптап келип жыгылды Каркырага таянып.

Жогорудагы ыр саптарында келтирилгендей, Айдаркандын көчүнүн алды Каркыра, Көгөн өрөөндөрүнүн башына он беш күндө жеткен. Демек, көч күнүнө орточо 60–70 км жол жүрүп, 480–500 км аралыкты жарым айда басып өткөн. Буга ишенсе да болот. Себеби көч негизинен түз талаа аркылуу өткөндүктөн, анчалык кыйынчылыктар болгон эмес.

Кыпчак урууларынан турган, Үрбү баштаган негизги көч азыркы Кыргызнур көлүнүн айланасынан түштүктү карай багыт алган. Ал эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт: Сапырылып сан кыпчак, Туура басып Туркөлдү, Басып өтүп Баркөлдү. Кынгырдын жолун кыдырып, Жетисуу боюн сыдырып.

Демек, Кыргызнур (көл) талаасынан көчкөн эл Түр көлдү (Дургэнур) басып өтүп, Кынгыртоону (Монгол Алтайын) капталдап, Жонгор чөлүнүн чыгышы аркылуу Баркөлгө (Баркуль) келген. Андан Богдашань, Ирен-Хабирга тоолорунун түндүгү менен Жылдыз өрөөнүнө чыккан. Көч Жылдыз өрөөнү аркылуу жүрүп, Кыяс (Акыяс) ашуусун ашып, Керкөлгө, андан ары Көтмалдыны (Балыкчы) басып өтүп, Чүй өрөөнүнө келген. Энесайдан Теңир-Тоого жөнөгөн кыргыз көчүнүн эң оор жана алыс жолу Манас баштаган көчкө туура келген. Ал көч Баркөлгө чейин Үрбүнүн көчү менен бирге келип, андан ары Богдошань тоосун ашып, Тарим чөлүнүн түндүгү менен Теңиртоо багыт алган. Бул жолду тандап алуу төмөнкү себептерге байланыштуу болсо керек. Биринчиден, негизги көчтү Борбордук Азиядагы калмактардын капысынан кол салышынан сактоо, экинчиден, кыргыздар Алтайга сүрүлгөндө Теңир-Тоонун арасына баш калкалап калган элдер менен байланышуу, үчүнчүдөн, Алай, Анжиян, Талас багытына тең жетүү. Көчтүн жолу эпосто төмөнкүчө айтылат:

Азырагы ашып Жылдызды,

Арбыны ашып Куутезди,

Бурбай ашып Музбелди, Маралбашы, Долонду, Кечип Аксы, Шаяны.

Бул ыр саптарында Манас баштаган көч Кынгырдын тоосунан (Монгол Алтайы ийилген орок сымал болгондуктан ушундайча аталган болуш керек) ашып, Баркөлдө Үрбүнүн көчүнөн бөлүнгөндөн кийин Куутезди (какыраган чөлдүү түзүлүштө болгондуктан Чөлтаг тоосу ушундайча аталган) ашып, Таримдин түндүгүндөгү бозоргон чөлдүү тоолорду этектеп батышка карай жүргөн. Жолдо көчтүн бир тобу Музарт өрөөнү аркылуу Музбел ашуусун ашып, Сарыжазга, Көйкапка өтүп, ал жерлерде туруп калышкан. Көчтүн калган бөлүгү Аксуу дарыясынан өтүп, азыркы Маралбашы кыштагынын айланасына токтолгон. Какыраган таштуу чөлдө, кунарсыз жайытта, узак жолдо кыйналган малдарын тыныктыруу максатында көч Жайкөлдүн (Чикакөл) айланасына токтоп, Кашкардан соодасатык алып, бир нече убакытка туруп калат. Бул эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт.

Жакага малы туралбай,

Жайкөлдү көздөй барыптыр,

Жайдөбөгө жай алып,

Кашкардан кара чай алып, Какшаал тоосун таянып, Сегиз ай жатып калганы.

Демек, жолдун алыстыгы жана катаалдыгы көчтү бул чөлкөмдө сегиз ай бою турууга аргасыз кылган. Себеби алыс жолду, кумдуу чөлдү басып өткөн көчтүн бийик ашуулары аркылуу өтүшү үчүн сөзсүз тыныгуу зарыл болгон. Бул чөлкөмгө чейин көч кеминде 3400 км жолду басып өткөн. Ага Таласка чейин жетиш үчүн дагы 500–600 км жолду өтүш керек эле.

Жайкөлдөн Манас көчү Теңир-Тоого бир нече багыт боюнча; Торугарт ашуусу аркылуу Борбордук Тянь-Шань, Чүйгө, Кызылсуу (Эркестам) өрөөнү аркылуу Алай-Анжыян, Алай Самарканд, Алай-Бадахшанга, Сабажарды, Кыздар ашуулары аркылуу Алайкуу-Өзгөнгө таркаган. Бул таркалуу азыркы кыргыз элинин жайгашыш абалынын негизин түзгөн жана уруулардын белгилүү бир аймакта таркалышына өбөлгө болгон.

Борбордук Азиядагы жибек жолдору

Кытай өлкөсү байыртан бери жибек өндүрүү жана андан кездеме токуу боюнча дүйнөгө белгилүү. Кытай жибеги байыркы тарыхтарда башка өлкөлөрдүн падышаларына тартуу катары берилүүчү эң кымбат баалуу кездеме болгон.

Жибек ошондой эле хандардын, феодалдардын, атактуу аскер башчыларынын, соодагерлердин үй-бүлөсүндө көркөмдүк үчүн кийилүүчү сый кийим болуп эсептелген. Ошондуктан кытай падышачылыгы жүздөгөн жылдар бою жибекчиликтин сырын өлүмгө тартуу жазасы менен башка элдерден жашырып келген.

Бирок ошондой болсо да, Кытай жибеги жөнүндө маалыматтар индустардын эпосторунда, библиянын сөздөрүндө, Азербайжан элинин «Көр уулу» эпосунда, Искендер Зулкарнайн тарыхында, казактын «Алпамыс», кара калпактын «Кырк кыз», кыргыздын «Манас» эпосторунда, Фирдоусинин «Шах-намесинде» ж. б. көптөгөн эмгектерде, тарыхтарда кездешет.

Алгачкы жибек курту жөнүндөгү илимий маалымат Аристотелге таандык болгон. Ал биздин доорго чейинки IV кылымда жибек куртунун түзүлүшүн жазып, аны «мүйүздүү курт» деп атаган. Ал эми Александр Македонский Персия, Орто Азияны басып алганда олжого алынган байлыктардын арасында эң жогорку баалуу жибек кездемелери болгондугу Искендер Зулкарнайн тарыхында көбүрөөк айтылат.

Жаш Македонскийдин Азияга жасаган жортуулунда беш жүз окумуштууну жетектеп келиши да бекеринен эмес чыгаар.

Көптөгөн тарыхтарга караганда жибекчилик жүздөгөн жылдардын ичинде акырындык менен Чыгыш Кытайдан түндүк Кытайга, Борбордук Азияга, Кореяга таркала баштаган. Ал эми Японияга жибекчилик Корея аркылуу биздин эранын IV кылымында таркалган.

Европага жана алдыңкы Азияга салыштырганда жибекчилик Орто Азияда мурда өнүккөн. Себеби Александр Македонскийдин жортуулунун учурунда көптөгөн Орто Азияда жашаган элдер, айрыкча согдиандыктар жана ага коңшулаш жашаган гуздар чыгышты, Борбордук Азияны карай качууга аргасыз болгон. Ошол мезгилде гуздардын кээ бир уруулары борбордук Кытайга чейин жеткен, ал эми айрымдары Памир, Сарыкол, Куэнь-Лунь тоолоруна баш калкалашкан.

Македонский Орто Азияны таштап кетүүгө аргасыз болгондон кийин алар кайрадан өз жергесине кайтышкан. Ошол мезгилден баштап Орто Азияда жибекчилик өнүгө баштаган десек аша чапкандык болбос. Анын күбөсү катары Бурана мунарасын (биздин доорго чейинки IV–III кылым), сактардын коргондорунан табылган грек жана чыгыш элдери бирге иштешкен буюмдарды көрсөтүүгө болот. Бул доор жибекчиликтин Орто Азияда өнүгө баштаган мезгилине туура келет. Ал эми даяр жибек буюмдар биздин жергеге Македонский келгенге чейин эле таркалган. Буга Македонский Орто Азияны басып кирген мезгилде Бестин чоң тартуу менен тосуп чыккандыгы, алардын ичиндеги кытай жибегинен токулган кездемелер күбө болот. Ошондой эле Бестин кызы Сара өзүнүн күйөөсү, грек кошунунун эң коркунучтуу душманы, Македонский өзүнө тең кол башчы деп баалаган Спитемендин башын кестирип, алтын табакка салып, жашыл кытай жибегин жаап, Александрдын бут алдына койгондугу да далил болсо керек.

Ошентип жибекчилик Орто Азияда Македонскийден кийин Борбордук Азияда андан мурда өнүккөн. Жибек жолунун чыгыштагы эң күчтүү өнүккөн Кытай мамлекети менен батыштагы күчтүү өлкө Римди байланыштырып турууда Борбордук жана Орто Азиялардын мааниси чоң болгон, Жибек жолу Кытайга Индиядан өтүүчү монахтар – будда динин таркатуучулар, алтынды, нефритти, жүндү, аргымак аттарды жибек кездемелерине алмаштыруучу соодагерлер үчүн да коркунучтуу эле.

Көптөгөн кытай тарыхчыларынын ою боюнча байыркы «Жибек жолу» Вэйхэ өрөөнүндөгү азыркы Сиан шаарынан башталган, башкача айтканда, бул шаар жолдун чыгыш дарбазасы болуп саналат. Сиан шаарынан эки жол чыгып, бири Цзинхэ өрөөнү аркылуу Хуанкэ дарыясын бойлоп түндүккө багыт алган. Бул жол «Улуу кытай сепилине» жарыш жаткандыктан, жүргүнчүлөр каракчылар тарабынан көп жабыр тарткан эмес. Себеби жибек жолу дайыма коргондогу сакчылар тарабынан көзөмөлгө алынып турган. Бул жол аркылуу Кытай жибеги Монгол хандыгына, Алтайда жашаган урууларга жана Сибирь элдерине чейин таркалган.

Экинчи жол «Хэси коридору» аркылуу азыркы Ланьчжоу шаарына келип, кайрадан экиге бөлүнгөн. Биринчи жол Нань-шань тоолорунун түндүк этеги менен түндүк батышты көздөй жүрүп, азыркы Юймын шаарында түндүк батышка жана батышка чыккан кербен Бэйшань чөлү аркылуу Хами жана Турфан шаарына келген. Турфанда жол дагы экиге – түндүк батышка жана батышка бөлүнгөн. Түндүк батыштагы жол менен кербен азыркы Үрүмчү, Кулжа шаарлары аркылуу Казак хандыгындагы, Урал багытындагы элдер менен соода жасашкан. Ал эми Турфандан батышка чыккан жол менен кербен азыркы Карашаар, Куча, Үчтурфан, Аксуу, Кашгар шаарлары аркылуу өтүп, Торугарт ашуусу менен Нарын (Кошой Коргон), Ысык-Көл жана Чүй-Талас өрөөндөрүндөгү элдер, азыркы Чимкент, Олуя-Ата, Ташкент, Букара, Хива, Хорезм шаарлары, Астрахан хандыгы менен соода жүргүзгөн. Юймын шаарынан батышка чыккан жол Алтынтаг, Куэнь-Лунь, Каракорум тоолорунун түндүк капталдары менен жүрүп, азыркы Чаркылык, Черчен, Керия, Хотан, Жаркент шаарлары аркылуу Кызылсуу өрөөнү менен Эркечтамга багыт алган. Бул жол менен жүргөн кербен көпчүлүк учурда Кашгар шаарына кирбестен, азыркы Жаркент шаарынан Каракумдагы Ташкоргон чеби аркылуу Афганистанга жөнөгөн. Бул жол Кытай менен Афганистанды бириктирип туруучу эң жакынкы жол болгон, бирок бийик тоо ашуулары, тар капчыгайлар, буркан-шаркан түшүп аккан тоо суулары көптөгөн чыгашага алып келген. Ошондуктан бул жол менен көбүн эсе майда эшекчен кербен өткөн. Ал эми негизги кербендер Эркечтам, Төөмурун, Талдык ашуулары аркылуу жети шаарга (Ош, Өзгөн, Анжыян, Кокон, Маргалаң, Ходжент, Ташкент); Алай, Кара-Тегин, Зерафшан өрөөндөрү аркылуу Самарканд, Бухара шаарларына, Афганистанга, Иранга жана башка өлкөлөргө сапар чеккен.

Азыркы Ланчжоу шаарынын аймагынан чыккан экинчи жол Хуанке өрөөнү, азыркы Синин шаары аркылуу Көкнор, Цайдам аймактарындагы элдер менен соода жүргүзүшүп, андан ары Тибетке сапар чеккен болуш керек. Бул багытта жүргөн кербендин негизги унаасы болуп качыр жана топоз саналган. Себеби бийик тоолуу бул аймакта төө, ат жана эшек бир нече айлаган узак жана татаал жолго чыдаган эмес. Тибеттен кытай жибегин жүктөгөн соодагерлер Брахмапутра өрөөнү, Гималай тоолорундагы ашуулар менен Индияга жеткен. Андан ары деңиз жана кургак жолдор менен Европага жана Африкага кытай жибеги таркалган.

Кытай жибеги кербенден кербенге өтүп, улам башка соодагерлерге сатылып отуруп байыркы доордогу эң белгилүү болгон Антиохи шаарына (азыркы Турциянын түштүк чыгышындагы анчалык чоң эмес шаардын ордунда болгон) жеткен.

«Жибек жолунун» таркалышына Борбордук Азиянын тийгизген таасири чоң. Кытай жибеги алгач бул аймактагы чоң шаарларга ташылып келинген. Шаарларда кербендер уюштурулуп, алар белгилүү багытка жол тартышкан. Ар бир шаардын хандыгынын өзүнчө соода кылуучу элдери, чыңдалган кербен сарайлары болгон. Ошондуктан соода жүргүзүүдө башка хандыктардын сөзсүз макулдугун алыш керек эле. Андыктан соодагерлер алгач шаардын, аймактын билермандарына кымбат баалуу кездемелерди тартуу кылышкан. Ошондон кийин гана хандык өз аймагында ал соодагерлерге эч кимдин колу тийбестиги, ага жардам көрсөтүү боюнча ишеним кагаз (Патфа) берген. Натыйжада соодагерлер дайыма ошол элди аралап, өзүнө белгилүү жолдор менен жүрүшкөн.

Биздин оюбузча, Борбордук Азиянын Хотан, Жаркент, Ташкоргон, Кашгар, Турфан, Үрүмчү, Кулжа шаарлары «Жибек жолунда» эң негизги ролду ойногон. Ал шаарларда азыркы мезгилге чейин сакталып калган коргондор, күмбөздөр, уламыштар буга чоң күбө болот. Мисалы: Кашкар сайындагы жар боорундагы Кашгар ханынын Үңкүрү, Аппак кожонун жайы, Ташкоргондогу байыркы таштан курулган имараттын калдыгы, кум басып калган байыркы Харахото, Борохото жана Актанхото шаарлары ж. б. П.К. Козловдун экспедициясы (1907–1909-жж.) Харахото өлүк шаарын казган учурда бийиктиги 8–10 метр болгон субургандан (китепкана, казына сакталган жай) көп сандаган буюмдарды, китеп ж. б. документтерди тапкан. Алардын ичинен чыгыш элине байыртан бери белгилүү болгон «Жети акылмандын Синдбад жөнүндөгү китеби» чыккан. Бул китеп фарс тилинде жазылган жана бул аймакта персиялыктардын жашагандыгынын күбөсү болуп саналат. Документтердин арасында уйгур тилинде жазылган атын уурдаткан, буудай карыз берип, аны ала албаган адамдардын арыздары, ошондой эле бул шаарлардын Чыңгысхандын жортуулу мезгилинде талкалангандыгы жөнүндөгү кабарлар бар.

«Жибек жолунун» таркалышына Лхаса – «Кудайлардын өлкөсү» шаарынын мааниси чоң болгон, Лхасада тибеттин – миряндардын, хачи – соодагерлеринин жайлары менен катар кытай соодагерлеринин дүкөндөрү, байыркы курулуштары азыркы күнгө чейин сакталып калган. Дегинкиси, «Улуу Жибек жолу» бул аймакта азыркы күндө да өз маанисин жоготкон эмес. Кашгар, Хотан, Жаркент, Ташкоргон жана башка шаарлардан соодагерлерди – пакистандыктарды, афгандыктарды, кашмирдиктерди, индустарды, тибеттиктерди көп кездештиресиң. Алардын айтуусунда сооданы азыркы күндө да бул шаарларга кербен менен тартып келишет.

Кытай менен Индияны бириктирип турган негизги «Жибек жолу» Куэньлунь жана Каракорум тоолорунда жайгашкан эки ашуу – Миңтеке жана Каракорум ашуулары аркылуу өткөн. Миңтеке ашуусу аркылуу жаңы шаардан чыккан кербен Гилгит өрөөнүнө (Кашмир) келип, андан ары Индияга жол тарткан. Бул ашуу 4600 метр бийиктикте жайгашып, түштүк капталы тик аскалуу жана тоого көтөрүлүү көптөгөн кыйынчылыкка турган. Ошондуктан бул ашуу аркылуу көбүн эсе кербен Кытайдан Индияга июнь-август айларында каттаган болуш керек. Каракорум ашуусу аркылуу кербен Кытайдын Шачэ менен Кашмирдин Лех чебин бириктирип турган бул жолдун узундугу 750 километрге жакын, деңиз деңгээлинен 5000 метр жогору жайгашкан беш бел аркылуу өткөн. Кербен үчүн бул 35–40 күндүк жол. Лех чебинен Сринигар өрөөнү аркылуу Индия менен байланышкан. Кытай тарыхчыларынын жана кытай географы Чу Шао-Тандын аныктоосу боюнча Борбордук Азияда «Жибек жолу» төмөнкүдөй кербен жолдорунан турган жана ал жолдор азыркы күндө да негизги жол катнашын түзөт.

Синин Турфан жолу. Синин шаарынан түндүк батышка карай Хэйкэ дарыясын бойлой Наньшань тоо кыркасынын түндүк этеги менен Аньси шаары аркылуу Баркуль түздүгүнө келген. Бул жерде жол экиге бөлүнөт. Богдошань тоосунун түндүгү менен Үрүмчүгө баруучу жол БаркульДаван аркылуу өтөт. Экинчи Богдошань тоосунун түштүгү, Турфан шаары аркылуу Үрүмчүгө баруучу жол Даван ашуусу менен өтөт. Бул кербен жолдору аркылуу кытай жибеги Жонгория, казак урууларына таралган.

Цинхай-Тибет кербен жолу. Синин шаарынан башталып, Орингнур, Жариннур көлдөрүнүн түздүктөрү, Баянхара-Улаба ашуусу аркылуу Цангпо өрөөнүнүн ортоңку бөлүгүнө түшүп, андан Лхасага багыт алган. Бул жолдун экинчи тармагы Жариннур көлүнөн түндүк батыштагы Цайдам чөлүндөгү урууларды карай таралган. ЦинхайТибет кербен жолунун экинчи кеңири белгилүү тармагы болгон Синин-Чамдо (Кашин) жолу Сининден түштүккө карай Амнэ-Мачин аркылуу Таиландга, Бирмага, Лаоско таркалган.

Цинхан-Шынжан кербен жолу Хуань-Чюнь чебинен башталып, Көкөнор көлүнүн түндүгүнөн жана түштүгүнөн айланып өтүп, Цайдам түздүгү, Суханинур ашуусу аркылуу Дунь-хуань шаарына (Тарим чөлүнө) чыккан. Жолдун экинчи тармагы Цайдамдын түштүгү аркылуу өтүп, Алтынтаг тоосун ашып, Чарклык шаарына (Тарим чөлү) келген. Бул жолдор аталган шаарларда ЮймынЭркечтам жибек жолу менен бириккен.

Сикан-Тибет кербен жолу. Кандинге келген кербен бир нече күн тыныккандан кийин Тибетти карай жол тарткан. Бул жол көптөгөн меридиан багытындагы тоолорду ашып, Литан, Ботан, Чамдо, Аламдо, Лхоруго аркылуу Лхасага (Тибеттин борбору) келген. Тибет-Шынжан кербен жолу аркылуу Индиядан мускус, жүн, тери, маралдын мүйүзү жана башка товарлар ташылып келинген. Жол Лхасадан түндүктү карап чыгып, Тибет тайпак тоолору аркылуу Куэнь-Лунь тоолорун ашып, Керияга түшүп, Юймын-Эркечтам жолуна кошулган.

Тибет-Индия кербен жолу. Бул жол эки тармактан турган. Себеби Тибет, Гималай тоолору көпчүлүк бөлүктөрүндө тик аскалуу, тар капчыгайлуу болгондуктан, кербендин туш келди жолго салышы өлүмгө барабар болгон. Ошондуктан кербен жолу жазы өрөөндөр, анчалык бийик эмес тайпак ашуулар аркылуу өткөн.

Биринчи тармак Лхасадан түндүк-батышты – Кашмирди карай Брахмапутра (Цангпо) өрөөнү аркылуу өткөн. Кербен өз жолунда Щигаще, Сака, Тагум, Токсум кыштактарын, Маюм ашуусун, Манасаравар көлүн, Гарток өрөөнүн басып өтүп, Кашмирден Лех чебине келген. Жол андан ары Индияга, Пакистанга жана Афганистанга уланган.

Экинчи тармак Птунг кыштагы, Даржилинге өрөөнү аркылуу өтүп, Индия менен Тибетти бириктирип турган. Бул жол эң жакынкы жол болуп, негизги соода байланышы иш жүзүнө ашкан.

                               С.МАМЫТОВ

АЛАЙ ХАНЫШАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МААЛЫМАТТАР

XIX кылымдын аягында – ХХ кылымдын башында Борбордук Азия аймагын изилдеген көптөгөн орус изилдөөчүлөрүнүн ичинен, менимче, Оштогу орус-мусулман мектебинин жаш окутуучусу Василий Лаврентьевич Вяткин (1869–1932) баарынан жолдуу болуптур. Себеби ал В.В. Бартольд менен биргеликте атактуу Курманжан датканын архивдик материалдарынын негизинде 1908–1909-жылдарда буга чейин белгисиз болуп келген улуу Улугбектин обсерваториясынын жайгашкан ордун аныктап, ушул илимий изилдөө иштери менен дүйнөгө белгилүү болуп чыга келди.

В.Л.Вяткиндин Оштогу, Самарканддагы изилдөө иштери, анын Курманжан датканын үй-бүлөсү менен байланышы, «Алай ханышасынын» эң сүйүктүү небересин Вяткиндин жакын досу самарканддык чыгыш таануучу Абдусаид ибн Молдо Казыга күйөөгө узатканда сеп катары берилген буюмдардын ичиндеги 10 сандыкка салынган архивдик, тарыхый эмгектердин канчалык баалуу экендиги тууралуу айрым илим чөйрөсүнүн адамдары эскертишкен.

Ошентип, Кудаяр хандын китепканасынын китептери жана архивдик материалдары Курманжан датканын колуна кантип тийген? Василий Вяткин «Алай ханышасы» менен качан таанышкан? Ал эми самарканддык Абдусаид кайдан жүрүп Курманжан датканын күйөө баласы болуп жүрөт?

«Алай ханышасынын» ишмердүүлүгү түрдүү элдердин өкүлдөрү менен тыгыз байланышта жүргүзүлгөн. Анын күйөөсү Алымбек датка XIX кылымда Кокон хандыгындагы эң таасирдүү кызмат кишилеринен болуу менен бирге өз мезгилинин көрүнүктүү агартуучусу да болгон. Алымбек датка ХIX кылымдын орто чендеринде Ош шаарына бухаралык архитектуранын үлгүсүндө укмуштай медресе курдурган. Бул медресе өзүнүн кооздугу, кадырбарктуулугу боюнча Кокондогу хан сарайдын медреселери менен катарлаш болгондугу айтылат. Дал мына ушундай ири билим бешигинде байыркы кол жазмалар, тарыхый маанилүү китептер топтоштурулган.

Күйөөсү өлгөндөн кийин Курманжан датка Кокон хандыгындагы кыргыздардын бийлигин башкаруу менен социалдык-саясий жана маданий-агартуу ишмердүүлүгүндө зор бурулуш жасап, өзүнүн бийик инсандык көп кырдуулугу, адеп-ахлактуулугунун жана интеллектуалдуулугунун бийиктиги менен ал эки жолу «датка» чинин алууга татыган. Биринчи жолу бул жогорку даражаны 1862-жылы Бухаранын эмири Сейит Музаффар өзү ыйгарса, 1865-жылы Кокон ханы Кудаярдын колунан экинчи жолу «датка» даражасын алат. Ошентип, Курманжан датка Фергана өрөөнүндөгү эки жолу датка наамын алган жалгыз аял болгон. Мунун өзү өз мезгилинде Зыйнат деген псевдоним менен белгилүү болгон, эки жолу датка чинин алган аял көркөм сөздүн устаты дал ушул «Алай ханышасы» болгондугун ачык көрөбүз. Өзбек профессору X. Баабековдун белгилөөсүндө Зыйнат – Курманжандын жакын кишилери XIX кылымдын белгилүү акын-кыздары Надира, Увасий, Махзуна, Муштарий, Дилшат болушкан. Буга далил катары биз тапкан «Кокон хандыгынын акын аялдары» деген китепчени да көрсөтсөк болот.

Мындан тышкары Курманжан датка көптөгөн орус бийлик өкүлдөрү, илимий-маданий чөйрөнүн кишилери менен тыгыз байланышта болгондугу «Алай ханышасынын» маданий баалуулуктарды канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн күбөлөйт. Мүмкүн, ушулардан келип Кудаяр хан өзүнүн каршылаш-күнүлөштөрүнөн жашырып, өз архивин акылман, эр жүрөк, калыс жана аяр Курманжанга ишенип бергендир.

XIX кылымдын аяк чендеринде жети-суулук жөнөкөй солдаттын уулу Василий Лаврентьевич Вяткин Ташкендеги мугалимдер семинариясын аяктагандан кийин жолдомо менен Ош орус-мусулман мектебине аттанат. Ал бул жерде орус тили жана аймактын тарыхы боюнча сабак берет. Мектептеги мугалимдик жумушунда петербургдук чыгаан чыгыш таануучу Мирфазыл Касымбеков менен таанышат. Кыргыз, орус, фарсы, араб жана кытай тилдерин билген көрүнүктүү чыгыш таануучу да бул мезгилде Ош мектебинде мугалим болчу. Курманжан датканын жакын кишилеринин бири болгон Мирфазыл Касымбеков убагында С.Тяньшанскийди коштоп, Батыш Кытайга чейин барган Курманжан датканы изилдеп жазган белгилүү журналист А.Абидовдун айтуусунда орусиялык бийлик кишилери менен болгон «Алай ханышасынын» кат түрүндөгү сүйлөшүүлөрүн дал ушул Мирфазыл Касымбеков жүргүзгөн. Бул мектепте Орус бийлигинин чиновниктеринин балдары менен бирге жергиликтүү ак сөөктөрдүн балдары, ошолордун ичинде Курманжан датканын неберелери да окушчу. Алар Кудаяр хандын китепканасы менен архивин биргеликте кароо үчүн үйлөрүнө мектептин мугалими Василий Вяткинди чакырышат.

Бирок В. Вяткин генерал Кауфмандын чукул буйругу менен Самарканддагы губернаторлордун резиденциясына жумушка которулгандыгына байланыштуу архив менен китепкананы кароо убактылуу калып калат.

Самаркандда В. Вяткин байыркы шаардын борбор бөлүгүнөн илимий-адабий дүйнө менен тыгыз байланышы бар, китептерди кол жазма менен көчүрүүчү Абдусаиддин үйүнө батирге чыгат. В. Вяткин Самаркандда да «Алай ханышасынын» архивдик материалдар менен китептер салынган сырдуу сандыктарын унута албай жүрдү. Бул мезгилде үй ээси Абдусаид кургак учук менен ооруп, ден соолугу барган сайын начарлай баштайт. Василий Вяткин Абдусаидге Алайга «Алай ханышасына» конокко барып, ошол жактан өпкөнү кымыз менен дарылоону сунуштап, бир эле убакта баягы архив менен китепкананы изилдөөгө шарт да, мезгил да келгенин айтат.

Курманжан датка Абдусаид менен Вяткинди кыргыздын меймандостук салты менен өтө жакшы кабыл алат. Вяткин жолдошун Алайда калтырып, өзү археологиялык иштерди улантуу үчүн Ош шаарынын айланасындагы дөңсөөлөрдү, Сулайман тоосундагы үңкүрлөрдү изилдөө иштерин жүргүзөт…

Тарыхчы Капитолина Новоселованын баяндоосунда А.Абдусаид кыргыз айылында эртелеп кымыз ичип, анан тоодон дары чөптөрдү чогултуп, түштө топоздун сүтүн ичип, кечке маал китеп окуу менен алектенет.

Бирок окумуштуу Алай ханышасынын бай архивин окуп изилдөөгө өтө шашылбайт. Себеби ал Курманжан датканын неберелеринин бири Бүйжанды сүйүп калган эле. Көп узабай ага үйлөнүп, кызды Самарканга алып кетет. А датка айым өзүнүн сүймөнчүк небересин он сандык сеп менен узатат. Ошол он сандыктын үчөөсүндө баалуу кол жазмалар, эски китептер, маанилүү документтер жана Кудаяр хандын алым-сабак каттары болгон. Баарынан мурда бул үч сандыкты Курманжан датка өзүнүн жаш, илимпоз күйөө баласына чоң ишеним менен тартууласа керек. Датка айым бул жасаган ишинен да калпыстык кетирбегенин кийинки турмуш чындыгынан даана байкап, тан бересиң.

Өзүнүн досун Самарканга узатып, В. Вяткин Ошто калып, Сулайман тоосунун айланасындагы байыркы эстеликтерди, шаардагы мечит, медреселерди изилдөөлөрүн улантат.

А ушул мезгилде Петербургдан Борбордук Азияны таанып-билүү комитетинин жолдомосу менен белгилүү чыгыш таануучу Василий Владимирович Бартольд Самарканга келип, Абдусаиддин досу, Эгемхуджа Муродходжаев менен бирге байыркы Афрасиабди изилдей баштайт. Ал эми Абдусаид улуу Улугбектин обсерваториясынын турган ордун аныктоо үчүн тарыхый адабияттарды карап талдап чыгуу тапшырмасын алат. Абдусаидге достору байыркы Афрасиабдын жанындагы өзүнүн «Чил устун», «Чил Духтарон», «Таги Рисад» сыяктуу сырдуу жана табышмактуу аталыштары менен белгилүү болгон анчалык чоң эмес чалдыбары чыккан дөңсөөдөн түрдүү-түрдүү археологиялык табылгаларды алып келе башташты.

«Алай ханышасы» берген архивдик материалдарды окуп, иреттештирип отуруп Абдусаиддин көңүлү жибек жоолукка түйүлгөн түйүнчөккө түшөт, ачып караганда башка маанилүү документтер менен бирге, канчадан бери табылбай келген обсерваториянын турган жерин таамай көрсөткөн маалыматтарды окуйт. Мына сага ачылыш!

Улугбектин обсерваториясы табылды!

Ошентип, жеке адамдык, чыгармачылык мамилелердин негизинде, кыргыз, орус, өзбек элдеринин эң мыкты уул-кыздарынын бийик көрөңгөлүүлүгү менен дүйнөлүк илимде сенсация болду. Бекеринен Самарканддын түштүк тарабындагы Улугбектин музейи жайгашкан дөңсөө «Дустлик тепалиги» – «Достук дөңсөөсү» деп аталган эмес. Ал эми улуу урматтоонун белгиси катары Василий Лаврентьевич Вяткиндин көзү өткөндөн кийин сөөгү обсерваториянын түндүк тарабына, туурасынан кеткен төгөрөккө коюлган.

* * *

Жакында атактуу «Алай ханышасы» жана Курманжан датка Маматбек кызы (1811–1907) жөнүндө жаңы материалдар менен таанышууга туура келди. Бул максатта Кыргызстандагы байыркы эстеликтерге кызыккан, белгилүү археолог-краевед В.Р. Чейлытконун материалдары илимий кызыгууну туудурары талашсыз. Убагында Тажикстандагы байыркы шаар Пенджикентти ачкан. Бул шаарда үзгүлтүксүз археологиялык казуу иштери жарым кылымдан ашык мезгилден бери жүргүзүлүп келатат. Окумуштуу өмүрүнүн акыркы жылдарында Ош областтык музейде иштеп, Сулайман-Тоодогу Оштун байырын тапкан Е. В. Дружинина менен бирге изилдөө иштерин жүргүзгөн.

В. Р. Чейлытко чыгыш таануу илимине терең ээ болгон, Фергана пединститутунун профессору Н.И. Леонов, Орто Азия элдеринин материалдык маданиятынын экспонаттарын жыйноочу-демилгечи П.Т.Конопля менен жакын мамиледе болуп, кенен байланыштары бар окумуштуу болгон.

Ал 1966-жылы Ош областтык «Ленинский путь» газетасына бүйүр кызыткан «Изилдөөчүнүн таланты» («Талант исследователя») деген макаласын жарыялап, анда В. Л. Вяткин деген окумуштуу (1869–1932) Оштон баалуу байыркы кол жазмаларды тапкандыгын эң биринчи айткан. Чейлытконун маалыматы боюнча, бул кол жазмаларда улуу астроном Улугбектин кантип өлтүрүл гөндүгү, феодалдардын бийлик үчүн күрөшүндөгү, өз ара карымкармаштары менен таш боорлуктары жазылган. Аларда байыркы Ош да чагылдырылган.

Бирок эң башкысы, ал макалада Улугбектин обсерваториясынын турган жерин окумуштуулар Курманжандын материалдарынын жардамы менен кандай аныктагандыгы жөнүндө эле. «Табылган кол жазмаларды чечмелөө менен, – деп жазат Чейлытко, – В. Вяткин ошол тарыхый документтерде көрсөтүлгөн Улугбектин обсерваториясын издөөгө киришти. Бирок элдин эсинен эчак чыгарылган Самарканд обсерваториясы ушунчалык катуу талкалангандыктан, «деги эле мындай обсерватория болгонбу?» дешип, көп окумуштуулар шектене башташты. Мындай көз караш «империялык» официалдуу археологиялык илимде да үстөмдүк кылган. Бирок Василий Лаврентьевич анын дал ушул Самаркандда болгондугуна терең ишенчү. Ал өз гипотезасын иштеп чыкты да, өзүнүн теориясын тарыхый документтер менен аныктады».

Ошто жарыяланган макала, тилекке каршы, тарыхчылардын көз жаздымында кала берди. 16 жылдан кийин гана жазуучу К.Новоселованын «Альтаир жылдызы» деген китеби жарыкка чыгып, анда Улугбектин обсерваториясын табууга себепчи болгон Курманжан датканын архивдик материалдарынын табылышынын тарыхы толук чагылдырылган болчу. Баса, кыргыз тарыхчыларын бул китеп да кызыктыра алган жок. Андан да өкүнүчтүүсү, бул жөнүндө «алай ханышасынын» 180 жылдыгында да бир ооз сөз болгон эмес.

«Альтаир жылдызы» деген китептин автору К. Новоселова белгилүү орус дворянынын кызы – ушак менен түшүнбөөчүлүктү өз башынан өткөрдү. Бирок анын үлүшүнө улуу бакыт туш келди: эмгеги элге таанылды, Өзбекстандан пикирлештери жана биримдештери табылды жана Курманжан датканын архивинин тарыхый тагдыры жана сыры жөнүндөгү китебин жарыкка чыгарууга мүмкүндүк алды.

Китеп жарык көргөндөн кийин К.Новоселова «Алай ханышасы» жөнүндө көлөмдүү «бурмаланган» китеп жарыялады деген маалыматтар тийиштүү органдарга жеткирилди. Ошентип бул факт цензура тарабынан «эмгекчи элди аёосуз эзген ири феодал Алымбектин аялын идеализациялоо» катары бааланды. Бирок К. Новоселовага академик Гафур Гулям болушуп, К. Новоселова жеңил-желпи опуза менен кутулду. Ошого карабай, анын Курманжан датка жөнүндөгү макалалары жана документалдуу повести ушул убакка чейин көптөгөн окуучулар үчүн белгисиз калууда.

«Альтаир жылдызы» деген чыгармада Алай ханышасынын үй-бүлөсүнүн тарыхы толук баяндалат. Оштогу орус-мусулман мектебинин жаш мугалими В.Вяткин Курманжандын неберелери жана өзү менен кантип таанышкандыгы жөнүндө Курманжандын архивдик материалдары жана кол жазмалары В.Вяткиндин жакын досу – чыгыш таануучу Абдусаидге белекке тапшырылып, Самарканддын байыркы эстеликтерин изилдөөдө кандай тарыхый ролду ойногондугу жөнүндө айтылат. Датканын генерал-губернатор Кауфман, генерал Куропаткин, майор Ионов, полковник Г.А. Арендаренко жана башка орустун көрүнүктүү саясий ишмерлери менен достук карым-катнаштары таасын берилген. Биз биринчи жолу Курманжан датканын небереси Жамшидбек жөнүндө да айкын маалымат ала алабыз. «Жогорку класстардын биринен ага татынакай баланы көрсөтүштү, – деп жазат К.Новоселова, – анан аны «Алай ханышасынын» – датканын небереси дешти. Баланын аты Жамшидбек экен. Жамшидбек чыгыш элдеринин тилин мыкты билип жана орусча да дурус сүйлөйт экен. Ал үй-бүлөдөгүлөрүнүн баарынан бөтөнчө, Курманжан датканын сулуулугун жана жылдыздуулугун, ошондой эле бардыгына белгилүү датканын кыйыта айтып, өтө кылдат сүйлөгөн чечендигин тартыптыр. Жамшидбек да адабиятка шыктуу болуп, кыргыз элинин уламыштарын, баатырдык эпосторун, ырларын, макал-лакаптарын жыйнайт. Он төрт жашта экендигине карабай ал акылдуу, китепти көп окуган зирек бала эле.

Абдусаидге ал биринчи эле киргенде мээрим төгүп, жакындап калды. Ал андан калемдерин, сыя челектерин көрсөтүүнү өтүндү. Бала белгилүү хатибага чоң энеси Курманжан датка кол өнөрүн абдан баалаган жана аябай сүйгөн киши экендигин, анын үйүндө дайыма жыгач усталар, кийиз, туш кийиз, ала кийиз, шырдак жасап, өрмөк соккон уздар болорун, анан калса тээтигил ак карлуу аска тоолордун ар жагында укмуштуу кооз жерлер бар экендигин, ал жакта эргиген ыр-күү, эриктирбеген жомоктордун ээси болгон кыргыз элинин чыгармачылыгынын өтө кылдат билермандары жана аткаруучулары бардыгын шыбырап айтып олтурду».

К. Новоселованын жазганына караганда, «Алай ханышасынын» он сандыгынын үчөөсүндө да Кокон хандыгынын китепканасы жана канцеляриясы, Суук чебинен алынып келинген Кудаяр хандын өзүнүн архиви, хандыктын чет элдик коңшуларына тиешелүү Курманжан менен Алымбектин каттары такта-такта болуп, жип менен таңылып коюлган экен. Уулу Камчыбек өлүп, анын балдары Сибирге айдалгандагы Курманжандын улуу кайгысынан кийин Самаркандга баа жеткис жүктүн ташылып кеткендиги тууралуу татаал кырдаалды автор толук чагылдырат. Аны мүнөздөп келип, автор минтип жазат: «Курманжан үйдөн чыкпай, эч кимди көргүсү келбей олтуруп калды. Кайгынын туманы бүт айылды, бардык урууну чулгады. Мен ошондо (Абдусаид – С.М.) маркумдун кызы менен аялын алып кетейин дедим. Ал макул болду. Бизге көлүк берди, сандыктарды жүктөдүк, ошентип септи алып келип калдык».

Сандыктарда сакталган документтерди Самаркандда атайын текчелерге «Алай ханышасынын» каттарын өзүнчө, Кудаяр хандыкын өзүнчө, датканын балдарынын кагаздарын өзүнчө жайгаштырышты. Казы, вакуф кагаздары өзүнчө бир такта болду. Тимуриддердин XVI кылымдагы аты менен байланышкан кагаздарды дароо окуу үчүн бөлүп коюшту. Алар болгону төртөө эле. Алардын биринде, «махалла мечитинин жупуну вакуфу паландай деген жесир аял казынын уруксаты менен жер участогун берет. Участоктун чеги төмөндөгүдөй: бир жагы – Оби-Рахмат арыгына, экинчи жагы – ошол кыштактын башкы мечитине барып такалат, үчүнчү жагынан ошол кыштактын паланча деген адамынын бедесине жете, төртүнчү жактан Тагы-Расад дөбөсүнө такалат – бул Мирза Улугбектин обсерваториясынын түбү, маркумдун жаны жаннатта болуп, арбагы унутулбасын». Обсерваториянын турган жери мына ушинтип так көрсөтүлгөн жана анын калдыктары мына ушул маалыматтар аркылуу табылды.

Бул ачылыш бүткүл дүйнөнү дүңгүрөттү.

Китепте жазылган окуялар ошол жылдардагы сакталып калган фотографиялар менен бекемделет. Мисалы, Алайга келгенден кийин полковник Г. Арендаренконун отряды Курманжан датканын небереси Бүйжандын себинин күнгө кургатылып жаткандыгынын күбөсү болот. Курманжан датка Бүйжанды аябай жакшы көрүүчү жана сулуулугу өзүмдү тарткан деп эсептечү. «Шырыктардын ортосуна керилген аркандарга Бүйжандын себи илинген. Анда жууркандар, парчалар, баалуу кездемелер, кыргыз кийимдери, туш кийиз, ала кийиз, шырдактар, килемдер, жибек жууркандар, жапончо саймаланган кооз көшөгөлөр ж.б.» Дагы бир башка эпизодду салыштыралы: «Ал меймандарга башын секин гана сыймыктуу ийкеди да, көзүн төмөн салып, эч нерсеге көңүл бурган жок. Анын алдында аттар чабылып, көк бөрү тартылып, керней, сурнай, добулбастар кагылып жатты… Бирок датка баарына кайдыгер кала берди».

Көркөм сөз менен берилген ушул эки сүрөттөө «Алай ханышасынын» 180 жылдык мааракесинде жарыяланган фотографиялардан бизге жакшы белгилүү. Бул сүрөттөр Г.Арендаренко менен В. Вяткин байыркы кол жазмаларды изилдөө максатында Курманжан датканыкында конокто жүргөндө алардын тобундагы адамдардын бири тарабынан тартылып алынган деп болжолдоого толук негиз бар.

«Алай ханышасы» жөнүндө жаңы табылган булактардын ичинде белгилүү археолог Акмат Кибировдун архивдик материалдары бөтөнчө кызыгууну туудурат. Ал машинкага басылган 4 беттен турат. Жазуу 1946-жылы Ош областынын Гүлчө районундагы «Октябрь» колхозунун адамы 76 жаштагы Ыбырайым деген аксакалдын өз оозунан жазылып алынган. Эгер арифметикалык эсеп жүргүзсөк, көрсөтүлгөн датага ылайык, Ыбырайым 1870-жылы туулган, демек, 1907-жылы Курманжан өлгөндө ал 37де болгон. Ошондуктан бул маалыматты эң алгачкылардын бири жана баалуусу десек болот. Ал биздин теманын көз карашынан алганда да өтө баалуу, анткени биринчиден, ал материал окумуштуу тарабынан Н.Бернштамдын жеке тапшыруусу менен жазылган; экинчиден, ал илимий жазып алуунун бардык талабына жооп берет; үчүнчүдөн, айтып берүүчү Курманжандын замандашы болгон жана аны тааныган.

Ошентип, жаңы материалдарды илимде мурда белгилүү фактылар менен салыштыруу, Курманжан датканын инсандыгынын кайталангыстыгын эле эмес, «Алай ханышасы» деп аталган атактуу аялдын образын изилдөөгө окумуштуулардын кайрылуу тарыхынын да кайталангыстыгын көрсөтүп турат. Мындан тышкары бизде Курманжан датканын акындык таланты жөнүндө жаңы материалдар бар. Ал жөнүндө төмөндө сөз кылабыз.

ЗЫЙНАТ – КЫРГЫЗ АКЫНЫ

Курманжан датка белгилүү тарыхый инсан гана эмес, Фергана өрөөнүнүн поэтикалык элитасы, бөтөнчө Надира Бегим менен чыгармачылык жана жолдоштук байланышта болгондугун 70-жылдардын башында өзбек адабиятчылары менен тарыхчылары алгачкылардан болуп жазып чыгышкан. Буга академик Гафур Гулямдын, ал кезде жаш окумуштуулар, азыр болсо белгилүү профессорлор X.Садыковдун, X.Бабабековдун, адабиятчылар Т.Жалаловдун жана К.Новоселованын жарыялаган макалалары ачык күбө. Г. Гулям Курманжан датканын эркиндиктин, эр жүрөктүүлүктүн жана патриоттуктун идеясына ширелген инсандык сапаттарын баса көрсөтсө (Жаңы тарых. «Гүлистан», 1973, № 8), X.Садыков менен X.Бабабеков биринчи ирет Курманжан датканын белгилүү акын Надира Бегим менен тыгыз байланышта экендигин, ал бардык жагынан Курманжанга үлгү жана устат катары болгондугун айтышты (Курманжан – элдин тиреги, «Гүлистан», 1977, № 7).

Курманжан датканын чыгармачылыгын илимий жактан изилдеген белгилүү адабиятчы Токтосун Жалаловдун ак кызматын бөтөнчө белгилегим келет. Өткүр көз караштары үчүн сталиндик лагерлерде 18 жыл жатып чыккан окумуштуу-политолог, эркиндикке чыккандан кийин баш-оту менен илимий изилдөөгө киришет да, Кокон хандыгындагы акын аялдар жөнүндө сенсациялуу макалаларды биринин артынан бирин жарыялайт. Кийин ал «өзбек акын аялдары» деген баа жеткис китебин жарыкка чыгарды. ХХ кылымдагы белгилүү оштук акын аял Самара Бану (1837–1891) жөнүндө эки монография жазды, («Бону», 1963 «Гузаллик Оламида», 1979). Аны менен Курманжан тыгыз байланышта жана жан курбулардан болгон. Бизге маалым болгон булактарга караганда, Курманжан түпкү теги Хувайдо акындан (1704–1780) чыккан белгилүү оштук суфий Колмухаммеддин аялы Самардын чоң энесинен билим алган.

Жанына жай бербеген Курманжан жөнүндөгү кызыктуу маалыматтар окумуштууну анын өмүр жолуна кайрылууга мажбурлады. «Алай ханышасынын» архивин иликтеп, окумуштуу Ош, Мады, Алайга нечен ирет каттады. Ушул окуяларды эскерип, түштүктөгү белгилүү агартуучу А. Абидов минтип жазат: «Токтосун Жалалов Ошто кыйла узак иштеди. Биз датканын сөөгү жаткан Сармазар бейитине бардык, Ошко жакын Мады айылында болуп, Алай өрөөнүнө жөнөдүк. Алайдын тарыхын жакшы билген көп адамдар менен, алардын ичинде көзү өтүп кеткен Дадан Султанов менен жолугуштук».

Чынында эле ал кезде Курманжандын атын атоонун өзү эле шектенүүнү пайда кылгандыгына карабай, Т.Жалалов өтө көп материал жыйнап алды. Мына ушундай жолтоо болуучу факторлорго карабай, таң каларлык иш, 1966-жылы «Социалисттик Узбекстан» деген борбордук газетада «Олай маликасы» аттуу тарыхый романдын алгачкы үзүндүсү жарыяланды.

Андагы сюжет боюнча автор Надира менен Курманжандын кезигишине негиз даярдап жаткан сыяктуу эле. Үзүндү жарыялангандан кийин автордун достору, адабиятчылар кызуу куттукташты. Бирок романдын кийинки тагдыры кейиштүү болду. Жазуучуну «фактыларды бурмалап, Кокон хандыгын жана феодалдарды идеализациялаган» деген доомат менен айыпташты. Натыйжада, автор романдан баш тартып, анын сюжеттик багытын майдалап, Курманжанга тийиштүү эпизоддорду алып салып, аларды Надира Бегимдин өмүрү жана Омор хан башкарган доор менен гана байланыштырууга мажбур болду. 1981-жылы 20-ноябрда өзүнүн «Надирои даврон» аттуу китебинин талкуусунда жазуучулар алдында чыгып сүйлөп жатып, адилетсиз сындан аргасы кеткен автор, көзүнө жаш алып туруп минтип айткан: «Кызуулугум үчүн кечирим суранам. Чынында мен «Олай маликасы» деген чоң көлөмдөгү трилогия жазмакчы элем. Ал көлөмү жагынан чоң, зор эпикалык мазмундагы чыгарма болмок. Бирок мүмкүнчүлүктүн жоктугунан мен аларды бөлүпжарып жарыялоого мажбур болуп отурам».

Көп өтпөй Т. Жалалов капилеттен көз жумду, китептери жарык көрбөй калды, «Алай ханышасы» жөнүндөгү кол жазмалары жиксиз жок болду. Аларды табууга жасаган биздин аракетибиз да азырынча натыйжа бере элек. Ошентсе да Т.Жалаловдун шакирти, белгилүү прозачы Н.Фазилов, Т.Жалалов Курманжандын адамдык касиети менен поэтикалык талантына өтө суктангандыгын көп фактылардын негизинде бизге айтып берди.

Бирок тарых ай сыяктуу. Аны жоолук менен жаап жашыра албайсың. Биринчи жолу Кыргызстанда Курманжан – Зыйнат деген акын жөнүндө X. Бабабековдун «Зыйнат – Курманжан датканын псевдоними» («КМ», 1989, 21-сентябрь) жана «Курманжан датканын ыр саптары» («Кыргызстан аялдары», 1989, №12) деген макалалары жарыялангандан кийин белгилүү болду. Анда автор акындын ырларынан көптөгөн мисалдарды келтирүү менен, Курманжандын достору өзбек акын аялдары Надира, Увасий, Махзуна, Дилшод жана башкалар болгондугун айтат. Бул ысымдарды жөн эле атап өтүү көп нерсени айтып турбайбы. Кыргыз акыны Чыгыштын поэзия элиталары менен карым-катнашта болгон жана аялдардын чөйрөсүндө негизги позицияны ээлеген.

Бирок мындай ойду колдоонун ордуна кыргыздарда көнүмүш боло жүргөндөй, жумурткадан кыр издеген скептиктер табылды. Алар өздөрүнүн жеке оюна негизделген далилдөөлөрүнө таянып: «Зыйнат – Курманжан датканын псевдоними эмес, ал Зияда деген кыргыз аялдын псевдоними» – деп республикалык прессада жарыялай башташкан жаш тарыхчылар болду. Макаланын көлөмүн эске алып, бул жерде аталган маселе боюнча талаш-тартышты таштап кетейин. Бир гана нерсени айткым келет: илимпоздор ушул убакка чейин Надира Бегим фарси жана араб тилдерин кайдан жана кимден үйрөнгөндүгүнө баштарын катырып келатышат. (М. Кадырова. Жизнь и творчество Надиры. Т.: 1961). Ошондуктан Курманжан датканын сабаттуулугунун сырдуулугуна да бөтөнчө таң калуунун кереги деле жок. Ал эле эмес, Курманжан датканын каттарын жана корреспонденцияларын анализдеп жатып, анын «алдым, окудум, жаздым» деген сөздөрүн кезиктирүүгө болот. Бул болсо Алай ханышасынын «сабатсыздыгы» жөнүндөгү мифти жокко чыгарат.

Курманжандын адабиятка шыгы жаш кезинде эле башталгандыгын биздин анын чыгармачылыгын изилдөөбүз көрсөттү. Буга акындын балалык чагы өткөн, ал кезде маданияттын жана адабияттын борбору болгон Ош шаары себеп болгон. Элден мурда кыз шыгын элдик фольклордон алган. Акырындап Ошто аялдардын поэтикалык мелдештерине катыша баштаган. Көп өтпөй Курманжандын аты угула баштайт, анын акындык атагы жана ашкан сулуулугу Кокон хандыгынын кол башчысы Алымбек даткага угулат. Ошентип Алымбек Курманжанга үйлөнүп, Кокондогу хан сарайга алып кетет. Фергана өрөөнүнүн бүткүл адабий күчү мына ушул Кокон шаарында топтолгон. Курманжан дал ушул Кокондо белгилүү акын Надира Бегим жана Фергананын башка таланттары менен таанышат.

Алай ханышасы узак жана кыйын турмушту башынан өткөргөнү белгилүү. Өзүнүн аялдык татаал тагдырын айтып ата-энеси кудалап койгон күйөөсүнөн көңүлү калып, ал төмөнкүдөй ыр чыгарган:

Көтөрүлүп күн чыкса, Көлөкөлөр талы жок.

Жаз жадырап келгенде Гүлдөй турган өрүк жок. Асмандагы жетиген Мени менен сегизби? Тагдыры шор Курманжан Алганың сенин теңиңби?

ХIХ кылымдын орто ченинде Алымбек Ошко Бухара архитектурасынын үлгүсүндө көз кайкыткан медресе курдурду. Ал көркөмдүүлүгү жагынан Кокон хандыгындагы эң кооз медресеге тете болчу. Дал ушундай ири теологиялык ибадатканаларда байыркы кол жазмалар, китептер жана архивдик документтер топтолуп сакталып келген. Алай ханышасынын архивдик материалдарынын шарапаты менен илимпоздор улуу Улугбектин дарексиз болуп калган обсерваториясынын турган жерин аныкташкандыгын биз жогоруда айтпадыкпы.

Курманжан датка доордун өкүмдарынын чексиз таш боорлугун башынан кечирди. Кыргыздардын саясий бийлик жана көз карандысыздыгы үчүн анын күйөөсү Алымбек ууктурулуп өлтүрүлгөн, уулдары Абдылдабек менен Камчыбекти өлтүрүштү. Мына ушунун баарын көздөрүнөн жаш агып, жүрөгүнөн кан тамып, акын «тагдырым» деп көтөрдү. Өмүр жолунун жаңырыгы анын кошокторунан, армандарынан жана ырларынан көрүнүп турбайбы.

Архивдик материалдардан көрүнгөндөй, «Алай ханышасы» ырларын оозеки да, фарсиче да жараткан, бирок анын поэзиясы улуттук көрөңгөдөн азыктанып турган:

«Аттын, колдун, жаанын сүрөтү тартылган кепкенен жайыкта,

Буруксуган гүлдөр, кызгалдак бар, райкан бар,

Жана жылмая назик караган түркүн гүлдөр бар.

Мына ушул саптарда акындын өз жерине болгон чексиз сүйүүсүнөн жаралган кыргыз табиятынын көркөм элеси тартылган. X. Бабабеков, менин оюмча, Зыйнаттын поэзиясынын сыйкырдуу күчүн өтө так белгилеген: «…анын көркөм тажрыйбасында эркиндиктин, боштондуктун жана эр жүрөктүүлүктүн идеялары чагылдырылган», – деп жазат ал.

Курманжан – Зыйнаттын өзбек акындары жана акын аялдары менен Кокондогу акындык таймаштары жөнүндөгү материалдар өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Ал жөнүндө кокондук жаш изилдөөчү К. Эсенбаев төмөндөгүдөй жаңы маалымат берет: «Курманжан датканын акындык дарамети Кудаяр хан уулу Ормонбектин урматына өткөзгөн тойдо бөтөнчө көрүндү. Хандын тоюна кыргыздар менен кыпчактардын акындарынын баары чакырылган эле. Алар менен кошо Курманжан да конок катары келген. Акындар үчүн таймаш уюштурулуп, жеңип чыккан акынга чоң сыйлыктар белгиленген. Ошентип акындык айтышта Курманжан баарын жеңип чыгып, башкы сыйлыкты алган».

Андан ары К.Эсенбаев Курманжандын даңкы укмуштуудай акындык талантынын аркасы менен Түркстан элдеринин арасында ого бетер тарап, Борбордук Азияда эң бир атактуу аял болуп калгандыгын баса белгилейт жана Курманжан менен Амирбек акындын акындык таймаштарынан конкреттүү мисалдарды келтирет.

Жыйынтыктап айтканда, Курманжан датка кыргыз элинин жаркын жылдызы. Анын өмүрү жана чыгармачылык жолу терең изилдөөлөрдү талап кылат.

О.КАРАТАЕВ

КЫРГЫЗ ЭТНИКАЛЫК АТАЛЫШТАРЫ ТАРЫХЫЙ-ЭТНОГРАФИЯЛЫК ЖАНА ЛИНГВИСТИКАЛЫК БУЛАК КАТАРЫ

Азиянын эң байыркы элдеринен болгон кыргыздардын этникалык тарыхында, этногенезисинде, тарыхый лексикасында азыркы мезгилдерге чейин чечилбей келе жаткан бир катар түйүндүү маселелер бар. Ал маселелер кыргыздардын байыркы доорлордон соңку мезгилдерге чейинки тарыхына, лексикасына, материалдык жана руханий маданиятына байланышкан. Ушул маселелерге белгилүү бир деңгээлде жооп табууда уруу-урук аталыштарынын тегин, келип чыгышын тактоо бир топ негиздүү илимий пикирлерди жаратарын акыркы мезгилдеги иликтөөлөр далилдеп койду.

Уруу (урук), этникалык топ, эл аталыштары элдин этникалык тарыхын, байыркы салттуу маданиятын изилдөөдө, анын айрым бир баскычтарын калыбына келтирүүдө зор мааниге эгедер. Ошону менен бирге уруу-урук, эл аталыштары (этнонимдер) тилдин тарыхый лексикасынын, диалектилеринин катмарларынын бири болуу менен бирге, анын тарыхый доорлорго карата өнүгүүсүн, тектеш жана башка тилдер менен өз ара алакаларын ачып көрсөтөт. Этникалык аталыштар бул багыттагы (жалпы кыргыз таануудагы – О.К.) кээ бир түйүндүү маселелерде жазма жана башка булактарга салыштырмалуу так, баалуу маалыматтарды бере алат. Анткени өткөн доорлордун түпкүрүнө кеткен, нечендеген кылымдар илгери пайда болгон энчилүү уруу-урук, эл аталыштары көөнө алтай, байыркы түрк доорлоруна таандык болгон фонетикалык жана морфологиялык өзгөчөлүктөрүн сактап калган. Биз төмөндө кыргыз урууларынын, айрым уруктарынын келип чыгышына байыркы тегине токтолуп өтөбүз.

АВАТ

Ават – ичкиликтер (Булгачы) уруулук тобундагы ири уруулардын бири. Этнонимдин параллелдери «аба» формасында алтайлыктардын (телеуттар) жана шорлордун курамында бар экендиги маалым (Потапов 1969, 168–169-б.б.) – Ават – аба + т; мүчөсү бурят-монгол тилдеринде көптүк маанини туюнтат. Чыгыш теги байыркы сөз жасоочу мүчөнүн колдонулган, таралган ареалы абдан кенен. Мисалы, тунгус – манжур тилдеринде анын фонетикалык -тан, -тен, ман-жур тилинде -та, -те, байыркы корей тилинде -тен формаларынын болгондугу белгилүү. Д.Е.Еремеев бир катар далилдүү маалыматтарга таянып, -т мүчөсү уланган түрк этнонимдери монголдордун таасири астында XIII к. кийин гана калыптанган деген пикирин айтат (Еремеев 1970,38). Этнонимдин теги байыркы «аба» уруусу менен параллел караса болгудай. Аба – теле урууларынын бири катары Суй династиясынын жылнаамаларында батыш түрктөрдүн курамындагы уруу болгондугу эскерилет (Потапов 1969, 169). Аба же абиндер ХVI–ХVIII кк. бүгүнкү алтай – телеуттарга кошуна жашашып, негизинен, мал чарбачылыгы менен кесиптешээрин И.Гмелин жана И.Георги изилдөөлөрүндө белгилешкен. Л.П.Потапов да бул этнонимдин тегин байыркы «аба» уруусуна байланыштырат (Потапов 1969, 169). Курамына «аба» уругу кирген алтай – телеуттар генетикалык жактан кыргыздар менен жалпылыгы далилденип келет.

БӨГӨЖҮ

Бөгөжү – кытай уруусунун курамындагы урук. Бөгөжүлөр – байыркы кыргыз уруктарынын бири болорун аныктаган далилдер бар. Параллелдери хакастардагы туба, койбалдардын жана Чыгыш Саяндардагы камассин – хакастардын курамдарынан «пөгечи», «бугажы» формаларында кездешет. Бул маалыматтар бөгөжүлөрдүн (хак. пөгечи, бугажы) байыркы мезгилдерде өз алдынча кыргыз уруусу болгондугун айгинелери шексиз. Хакастардын тарыхый фольклору пөгечилерди 1703-жылы Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн энесайлык кыргыздардын калган бир бөлүгү экендигин баяндайт (Бутанаев, 1990, 66). Мындан сырткары, кыргыздарга теги жакын экендиги иликтенип жаткан сары уйгурлардын уруулук курамында да «пөгеши» (яглагкыр уруусунда – О.К.) аттуу урук бар экендиги аныкталды. Хакас профессору В.Я.Бу танаевдин иликтөөлөрүндө казактын улуу жүзүнүн курамындагы «бөгечи» уругун 1703-жылы көчүрүлгөн энесайлык кыргыздардын урпактары экендиги аныкталып келет (Бутанаев, 1990, 66). Жогорудагы фактылар байыркы кыргыздардын уруулук курамын, түзүлүшүн тактоодо негиздүү маалымат болору шексиз.

ЧАРЫМ

Чарым – баргы уруусунун курамындагы урук.

К.К.Юда хин бул сөзгө «таман териси», «жаныбарлардын тери алдындагы, этиндеги тарамышы, чарымы» деген аныктама берет (Юдахин, 851). Этнонимди хакастардын курамындагы «чарын» урук (сөөк) аталышы менен байланышта кароого болот. Айрым булактарда чарындар – ярин деп да бурмаланып жазылып жүрөт (Бутанаев, 1990, 62). Энесайдын сол жээгин байырлап келишкен чарындардын теги кет тилдүү урууларга жакын экендиги жөнүндө пикирлер бар. Хакас этнографы, профессор В.Я.Бутанаев хакастардагы чилдег (чилдег, кыргыздардагы желдең баргы, бугу) этнонимдери («денг» – кет тилинде «адам», «киши») генетикалык жактан кет тилдүү урууларга жакын экендигин белгилейт. Автор бул фактылар теңир тоолук кыргыздардын тегинин Енисей чөлкөмү менен байланышын тастыктарын жазат (Бутанаев, 1990, 67).

НААЛЫ ЭЖЕ

Наалы эже – генеалогиялык баяндарда (санжыралык маалыматтар) Ак уулдун Адигине жана Тагай деген уулдарынан кийинки кызы экендиги айтылат. Геноним. Айрым информаторлор мунгуш жана моңолдор урууларынын тегин Наалы эжеден таратып жүрүшөт. Наал  1.ар. «така». 2.ир. «тагдырга таарынуу», «кайгы-капа тартуу» (Юдахин, 549). Монгол тилинде нал – «кызыл асыл таш, рубин» маанисин аныктайт (Монгол орос толь 1957, 260). Биздин пикирде генонимдин монгол тилиндеги маанисиндеги чечмелениши сөздүн так маанисин чагылдырат. Буряттарда ламанизмди (буддизмдин бир агымы) кабыл алуудан баш тартып, шаман динин жогору тутуп, түндүк тарапка качкан эки кыз жөнүндө уламыштар бар. Онгонго (касиеттүү нерсе) сыйынган «хори кыздарынын бири Зулатан авгай (Зулатан таэже)» же «Нал (Нала) хатан эзы» деп аталышкан. Буряттар айтылуу «Нал хатан эзин» – күн кудайынын эпитети катары түшүнүшөт, ага сыйынышат (Галданова, 1992, 20). Генонимдин адегендеги мааниси анын Борбордук Азиянын байыркы түрк-монгол этникалык, маданий чөйрөсү, шаман дини менен байланышын тастыктайт десе болот. Анткени геноним бир эле учурда (кызыл) түстү, сыйынган объектини, күн кудайынын эпитетин чагылдырат. Мындан сырткары, кыргыз этнонимиясындагы Наалы эже, Чолпон уулу, Зуура эже ж.б. генонимдер адамзат коому басып өткөн эзелки энелик доордон (матриархат) да кабар берет.

КУДАЙЛАТ

Кудайлат – басыз уруусунун курамындагы ири уруктардын бири. Этникалык аталыштын параллели тувалардан – хоодай, башкырлардан – кудей формаларында кездешет (Потапов, 1969, 71; Кузеев, 1974, 210–211). Айрым тарыхый фактылар, лингвистикалык салыштыруулар, топонимикалык аталыштар кудайлаттардын байыркы энесайлык кыргыздардын курамында болгондугун тастыктайт. Тувалардын тарыхый фольклорунун айрым маалыматтары тува элинин курамына жуурулушкан (Тува Республикасы, Эрзин аймагы) кыргыз уруусун Эрзин аймагына Хоодай жана Үстүг аттуу бабалары көчүрүп келгенин баяндайт (Потапов, 1969, 71). Тувалардын курамындагы «кыргыз» уруусу (эскертүү: тувалардын ичинде өз алдынча «кыргыз» аттуу эки уруу бар). 820–840 жж. Кыргыздар Уйгур каганатын багындырган мезгилден эле худайлаттар аталган аймакты байырлап келиши ыктымал. Кызыктуусу, бүгүнкү Хакас-Минусин ойдуңунда Худалат (Кудалат) аттуу топонимикалык аталыштын сакталып келүүсү олуттуу факт болуп калары шексиз (Бутанаев, 1995, 180). Бирок бул маселеде айрым бир жүйөлүү көз караштар бар. Т.П.Потапов В.В.Радловду колдоп, курамына хоодай уруусу кирген эрзиндиктува-кыргыздарды 1663жылы Алтын хан тарабынан Минусин ойдуңунан Түштүк Тувага көчүрүлгөн энесайлык кыргыздардын түз тукумдары деген жыйынтыкка келет (Потапов, 1969, 65–66). Хоодай=кудай+-лат; -лат сөз жасоочу мүчө. Р.Г.Кузеев башкыр-кудейлердин тегинин Саян-Алтайдын этникалык чөйрөсү менен тыгыз байланышын жазат (Кузеев, 1974, 210–211). Демек, кудайлаттар кыргыз этносунун пайдубалын негиздеген байыркы урук (уруу) деген жыйынтыкка келүүгө негиз бар.

ШАЖЫГАЙ

Шажыгай – жедигер уруусунун курамындагы урук. Этникалык аталыштын бүгүнкү кыргыз тилиндеги мааниси тактала элек. Азыркы Монголиянын Кэрулен аймагында «шачжыгай» аттуу монгол уругу бар экендиги аныкталган (Лебедева, 1958,222). Монголчо – «шазгай», бурятча – «шаазгай», эвенкче – «саzуgа» ж.б. – «сагызган» маанилерин туюнтат (Новиков, 1972, 138). Сагызган – байыркы кыргыздардын тотемдик ыйык куштарынын бири болгон. Фарси автору Гардизи кыргыздардын бүркүт, уй, кирпи менен катар сагызганды ыйык тутушуп, ага өзгөчө мамиле жасашарын жазган.

ЧОРО

Чоро – чекир саяк уруусунун курамындагы урук. Чоро – этникалык баатырдын максатташтары, чоролору (Юдахин, 868). Ойрот-калмак мифологиясында көптүк түрдө «чорос», «цорос» деген дербет жана жунгар княздарынын байыркы ата-бабалары катары айтылат. Ойротчо – цор, ортоңку кыпчак тилинде – чора, шора, чоро, баатыр де ген маанини билдирген. Чыгыш теги боюнча байыркы түрктөрдөн титул болуп эсептелген чур (чор), (чура) чора сөзү байыркы убактарда байыркы перс тилинде «жоокер, «баатыр» деген түшүнүккө ээ экендиги, бирок кийин байыркы түрк тилинде титул катары (кан менен бектин ортосундагы) мансаптык даражаны билдиргени маалым («Манас» Энциклопедия, Т. II, 337-б.). Чур (чор), (чура) чоро титулунун негизинде ошол байыркы түрк доорунан баштап эле көптөгөн адам аттары пайда болуп колдонулуп келген. Буга байыркы түрк руникалык жазмаларында учураган Агуш Чур, Бег Чур, Ил Чур өңдүү ысымдар күбө (көрсөтүлгөн эмгек, 337- б.). Чоро термини кыргыз элинин оозеки поэтикалык чыгармаларынын ичинен «Манаста» гана салттуу түрдө туруктуу айтылат (көрсөтүлгөн эмгек, 337-б.). Чоро – энчилүү ат катары кыргыздарда байыртадан эле белгилүү (караңыз: Кара Чоро геноними). Чоролор өз алдынча уруу катары ХШ к. эскериле баштайт. С.М.Абрамзон чекир саяктардагы чоро уругун Могулистандагы чорос уруусу менен жалпылыкта караган пикирин айтат (Абрамзон, 1990, 62). Чоро+с; -с, -з көптүк маанини аныктоочу байыркы сөз жасоочу мүчө экендиги маалым. Ө.Караев чоростордун бир бөлүгү ХIII к. Чыгыш Түркстандан Чагатай улусуна журт которгондугун жазат. Чоростор Могулистандын (өзгөчө Чыгыш Түркстанда) саясий турмушуна активдүү катышкан (Караев, 1995, 132). Захреддин Бабур өзүнүн мемуарларында Могулистандын курамында чорос аттуу уруунун болгондугун тастыктайт. Чынында эле, чоростор бүгүнкү булгаачы (уруулук бирикме), тагай (генеоним), кушчу, дуулат, баарын уруулары менен бирге эскерилет (Юдин, 1965, 56-59). Этникалык компонент кыргыздардын курамына дал ушул тарыхый доордо кирүүсү мүмкүн. Чорос этноними бир эле учурда ойрот-калмактардын да курамында эскерилет. Жунгар (дэрбет) хандарынын басымдуу көпчүлүгү «чорос» аттуу аристократиялык (ак сөөк) уруудан чыгышкан. Муну «Илэтхэл Шастирден» башка монгол жана калмак булактары да тастыктайт. Жунгар хандыгы коомдук-саясий түзүлүшү жагынан башында хан турган негизги төрт ойрот уруусунун союзу болгон. Ар бир уруунун башчысы тайджи (да тобцзи) деп аталчу. Чорос уруусунун чоң тайджиси уруулук бирикменин жетекчиси болуп, бир эле учурда хан деп аталган (Чернышев, 1990, 57). XIV к. аягында (1399–1445-жж.) кыргыздар Угечи кашка (Гүйлүжү, Мөңкө Темир) жетекчилиги астында ойрот-монгол урууларына үстөмдүккө жеткендиги белгилүү (Бейшеналиев 1989, 9). Демек, Өгечи кашка ойрот – калмак урууларын бириктирген чорос уруусунан чыккан деген жыйынтыкка келүүгө болот.

ЖЕЛДЕҢ

Желдең – баргы, бугу урууларынын курамдарындагы уруктар. Айрым кыргыз таануучулар желдең уруусу менен хакастардагы «чилдег» сөөгүнүн (уругу) түз этногенетикалык байланышына токтолушат (Абрамзон, 1990, 66; Молдобаев 1995, 115; Бутанаев, 1990, 62). Хакастардын курамындагы «чилдег» сөөгү теги жагынан кыргыздарга өтө жакындыгы аныкталган качин – хакастардын курамына кирет. «Чилдег» – сөөгү хакас тарыхый фольклорунда желдең, шамандан туулган баладан тарагандыгын баяндайт. Хакас мифологиясындагы Чилдег хан шамандын кожоюну катары чагылдырылат (Бутанаев, 1999,216). Этникалык аталыштын экинчи компоненти – денг / денг кеттердин (самодий уруктары) «адам», «киши» деген сөзүн түшүндүрөт. Хакас этнографы профессор В Л.Бутанаев «кыргыздардын курамында кет (самодий) этнокомпоненттеринин болушу, теңиртоолук кыргыздардын мекени Энесай чөлкөмү деген теориянын тууралыгын далилдейт» – деп жазат (Бутанаев, 1990, 62). Эзелки замандардан адамдар от, суу, жер менен катар абага, өзгөчө шаманга да ыйык күч катары сыйынып келишкенин шаман дининен байкоого болот. Алтай шаманизмине шамал (жел) жаратылыштын күчүн чагылдырган, ритуал учурунда шамандар бороон-шамалды, жөнөкөй эле желди чакырышкан. Шаман ритуал процессинде бубендин, байланган тал-чөптүн, кездеменин кесиндилери менен бирге кыймылдап, алардын желпин генинин жардамы менен жасалма түрдө желди (шамал) пайда кьшышкан. Ушул желдин (шамалдын) көмөгү менен шаман өзүн колдоочу духтар менен баарлашкан (Потапов Л.П. караңыз: 1991, 80–81). Демек, этноним боюнча жогорудагы илимий далилдерди эске алганда, шамалдан (желден) туулган адамдар, кишилер, урук деген шамандык түшүнүктү аныкташы мүмкүн.

КАШКА

Кашка – басыз, сары багыш, тейит урууларынын курамдарындагы уруктар. Кашка – теги байыркы титул – этноним. К.К.Юдахин «кашка» сөзүнүн бир маанисин «уруу башчысы», «жол башчы» дегенди түшүндүрөрүн жазат (Юдахин, 363). Кашка. 1. Уруу башчысы, уруунун жол баштаган акылманы, көсөмү; 2. Өтм. Өткүр, тартынбаган, тайманбаган (КГТС, 493). Энесайлык кыргыздардын уруулук курамында «кашка» («хасха») деген уруу (этноним) болгон. Этнонимдин параллели байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз этнокомпоненттери басымдуулук кылган азыркы хакас – качиндерде «хасха» формасында белгилүү. Мындан сырткары, хакастардын курамында «хаска хыргыс», «хасха пүрүт», «хасха пүүр», «хасха иргит» сөөктөрү бар экендиги маалым. «Хасха» – хакастардын курамындагы ири урук (сөөк) болуп эсептелет. «Кашка» титул – этноними Энесай кыргыздарында болгондугун төмөнкү далилдүү маалыматтар аныктайт: «Энесай кыргыздарынын коому социалдык жиктелүүдө эки катмарга бөлүнүшкөн. «Хасха сөөк» – ак сөөктөргө (башкаруучу, аристократиялык уруу – О.К.) кыргыздар, «пора сөөк» – боз сөөктөргө «кыгатымдар», көз каранды уруулар киришкен. Кыргыздардын уруу башчыларынын ысымдарына «кашка» титулу жалганып айтылганы маалым. Мисалы, Алтын Кашка, Матыр Магнай Кашка, Тармагай Кашка, Курбан Кашка, Барчык Магнай Кашка, Улагач Кашка ж.б. Кашка – моңголдордогу ноён титулуна дал келген (Бутанаев, 1990, 22). XIV к. аягында (1399–1445-жж.) кыргыздар Өгечи Кашканын (Гүйличи,

Мөңкө Темир) жетекчилиги астында ойрот-монгол урууларына үстөмдүккө жетишкендиги белгилүү (Бейшеналиев, 1989, 9). Бул титулду кийинки Жунгар хандары да алып жүрүшкөндүгү жөнүндө (Чукула – Кашка) маалыматтар бар. Түрк – осмон тарыхчысы Сейфи Челеби «Таварих» аттуу эмгегинде (XVI к. аягы) төмөнкү маалыматтарды келтирет: «Кашкар тарапта «кыргыз» аттуу бир эл (уруу) жашайт. Алар моголдор сыяктуу эле көчмөндөр. Кыргыздар көп сандуу уруу (эл). Алардын ханы жок, бектери – «кашка» деп аталары маалым» (Караев, 1994, 74–75). Кашка – кыргыздарда, хакастарда, өзгөчө «Манас» дастанында титул, жетекчи маанисинде колдонулушу кыргыз жана хакас элдеринин түпкү тамыры бир экендигин ырастайт («Манас» Энциклопедия Т.1, 1995, 286-б.). Фольклорчу Т.Абдракунов да өз иликтөөлөрүндө «кашка» титул – этноними жөнүндө бир топ кызыктуу ой-пикирлерин айтат (караңыз: Абдракунов Т. 1995, №2, 7–12-б.б.). Демек, «кашка» этноним жана титул катары кыргыздарда Энесай доорунан белгилүү. Ошону менен бирге кыргыздын саруу уруусунда – онтогор кашка, мунгуш уруусунда – эрке кашка, дөөлөс уруусунда – чулум кашка аттуу параллелдери сакталып келет. Шорлордун тарыхый фольклорунда «хашхалар» – тулкусу жаныбар сыяктуу мифологиялык эл катары чагылдырылат.

ТУУМА ТУКУМ

Туума тукум – найман уруусунун курамындагы урук. Этникалык аталыштын биринчи компонентинин (туума) параллели түркмөндөрдөн «догма» формаларында кездешет. С.Атаниязов түркмөндөрдөгү «догма» этнонимине күңдөн, токол аялдан туулган баладан тараган тукум, урук, уруу деген аныктама берет (Атаниязов, 1988, 64). Арийне, этникалык аталышка илимий негиздүү так аныктама берүүгө болот. Тума-хакас тилинде «темир устанын сактоочусу, коргоочусу» дегенди туюнтса, кет тилдеринде «кара» маанисин түшүндүрөт (Бутанаев, 1999, 156; Дульзон 1962, 25). Байыркы түрк каганы бир эле учурда башкы шамандын, темир устанын функциясын да аткарган. Эзелки көчмөн түрк тилдүү элдерде темир уста шаман дардын коомдогу таасири аябай күчтүү болгон (караңыз: Потапов, 1991, 123–125). Демек, байыркы кыргыздарда да шаман (кем) жана темир уста синонимдеш түшүнүктөр болгондугун байкоого болот. Шамандардын жана темир усталардын генетикалык-ритуалдык байланышын байыркы түрктөрдүн (кыргыздардагы – Ө.К.) турмушундагы, чарбасындагы темир устанын ээлеген орду тастыктайт (көрсөтүлгөн эмгек, 124-б.). От менен байланышкан темир усталардын кесиби ыйык эсептелип, замандардын түпкүрүнөн адамдардын эс-акылында жашап келе жаткан от кудайын чагылдырат. Туума тукумдарды байыркы кыргыз уруусунун бир бөлүгү катары кароого толук негиз бар. «Тумалар (тумат) Енисейдин жогорку агымындагы кыргыздар өлкөсүнүн чегинде (ичинде – О.К.) жашашат» (Рашид-ад-Дин, 1952, Т.1, Кн. 2, -с. 122) Туматтар XIII к. энесайлык кыргыздар менен тутумдаш жашагандыгы ырас. Бул жер тарыхый булактарда Баргуджин -Токум деп аталат (Караев, 1994, 57–58). Р.Г.Кузеев башкырлардагы тамьяндардын тарыхый мекенин деп Энесайдын жогорку агымын (Кичик Хем) көрсөтөт (Кузеев, 1974, 165–166). Башкыр-тумалар (тамьян – этнонимиялык материалдарда учураган – Ө.К.). Урал жана Волга дарыяларынын батыш тараптарына X к. кеч эмес, тагыраак айтканда, печенегдердин толкуну менен келишкен. Бул процесстин казактамалар менен да терең тарыхый байланышы бар (көрсөтүлгөн эмгек, 166-б.). Этникалык аталыштын параллелдери башкырларда – тамьян, казак; кара калпактарда – тама; өзбек-курамаларда – тама; лакайларда – кара тума; алтайлыктарда – тумат, кара тума; туваларда, хакас – кызылдарда – тумат формаларында кездешет (Потапов, 1969, 23; Бутанаев, 1999, 157). Бул параллелдүүлүктөр орто кылымдардагы «Кыргыз өлкөсүндөгү» тумалардын (туматтума + т; -т көптүк маанини билдирүүчү сөз жасоочу мүчө) кийинки таралуу ареалын чагылдырат. Этникалык аталыштын мааниси, тумалардын оболку локалдашуусу, тарыхый булактардын баяндоолору, Саян Алтайдагы этнонимиялык, топонимикалык маалыматтар тумалардын (тумат) байыркы кыргыз урууларынын бири экендигин тастыктары шексиз.

КОҢУРАТ

Коңурат – кыргыздын эзелки урууларынын бири (Абрамзон, 120). Санжыралык маалыматтарда коңурат уруусу Булгаачылар, айрым варианттарында оң канатка киришери баяндалат. Этникалык аталыш ХШ к. белгилүү жана азыркы Монголиянын аймагын байырлаган күч-кубаттуу, көп сандуу уруулардан болгон. Ошол уруудагы коңураттардын бирикмесине бир нече ири уруктар кирген: инкирас, олкунут, каранут, кункуллут (Рашид-ад-Дин т. 1, Кн. I, 160–166-б.б.). Монгол санжыраларында Көк Теңирден тарары баяндалган коңураттар (монг. Хонкират) Чынгысхандын жана анын мураскорлорунун тушунда хан сарайда өзгөчө сый-урматтуу абалга ээ болушкан. Улуу каган жана анын уруулаш туугандарынын басымдуу бөлүгү коңурат кыздарына үйлөнүшкөн. Чынгысхандын энеси жана улуу байбичеси Бөртэ коңурат кыздары болушканы маалым (Рашид-ад-Дин. т. 1, Кн. 1, 160–163-б.б.; Тынышпаев, 1929, 18). Арийне, коңураттар кайсыл тил тобунда сүйлөгөнү илимде тактала элек. Деген менен, ХI–ХШ кк. түркмонгол этникалык алакалары өтө бат жүргөн процесске айлангандыктан, айрым уруулардын кайсыл тил тобунда сүйлөшкөнүн аныктоо өтө кыйынга турары ырас. Буга көчмөн шарт, материалдык маданияттын үлгүлөрүндөгү, чарба түзүүдөгү жалпы окшоштуктар да негизги ролду ойногон. Мисалы, Абул Гази Бахадур хан (XVI к.) «Түрк санжыраларында» коңураттарды насили монгол тилдүү уруу экендигин жазат (Абул Гази 1906, 47–48). Бирок айрым иликтөөчүлөр таза түрк тилдүү уруулар экендигин далилдөөгө аракеттенишкен. Коңураттар Чынгысхандын жеңип алуу жүрүштөрүндө өтө жигердүүлүк менен катышышкан (Тынышпаев, 1925,18). Бул уруу Батыйхан негиздеген Алтын ордонун мамлекеттик-саясий турмушунда да өзгөчө абалды ээлегендиги маалым (Атаниязов, 1988, 30). Н.А.Аристов Жучилердин мамлекеттик башкаруу системасында, баш ийген элдерди башкарууда коңураттар өзгөчө укуктарды алууга жетишишкен. Алтын Ордо ханы

Токтонун аялы да ушул уруудан чыккан (Кузеев, 1974, 182). Дал ушул тарыхый шарттарда баш ийген элдерге, урууларга коңурат тамгасы тарала баштоосу мүмкүн. Анткени буга Алтын Ордонун башкаруучу төбөлдөрүнүн (ак сөөктөрү), кийинчерээк казак султандарынын ушул эн тамганы кабыл алышкандыктары далил боло алат. Коңураттар өздөрүнүн биримдигин катаал учурларда да сактап калышкан (Кузеев, 1977, 182). Этникалык аталыштын параллелдери казак, каракалпак, өзбек, башкыр, ногойлордун уруулук курамында бар. Мындан сырткары, учурда монголдордо «гунгир», «гунграт», сары уйгурларда «конграт» аттуу уруктар бар экендиги белгилүү. Этникалык компонент кыргыздардын курамына Саян Алтайда монгол тилдүү ж.б. уруулар менен кошуна жашаган учурда эле кирүүсү ыктымал.

Этнонимдин мааниси боюнча илим чөйрөлөрүндө бир катар кайчы пикирлер бар. Айрым авторлор этнонимди түз эле коңур түскө (коңур + ат = т; -т мүчөсү монгол тилдеринде көптүк маанини аныктайт) байланыштырышса (караңыз: Навширванов, 1929, т.3, с. 83), С.М.Абрамзон энчилүү аттын чыгыш тегин жылкылардын түсүнө карата бөлүнгөн аскердик топтун аталышына жакындатат (Абрамзон, 1946, 129). Ал эми Абул Гази хан (XVII к.) этнонимди монгол санжыраларында эскерилген Чурлык Мэргэн Хонхиратка байланыштырат (Абул Гази, 1906, 47) ж.б. Кыргыз илимпоздорунун дээрлиги биздин баамыбызда С.М.Абрамзондун пикирин колдоп келишери маалым. Арийне, этникалык аталыштын мааниси боюнча бизде башка, тагыраак айтканда, илимий негиздүү далилдер бар. Монгол тилинде хонхир – чуңкур, ойдуң, казылган, тереңдетилген жер; бурятча хонхор – тереңдетилген, чуңкур, ойдуң, колот маанилерин туюнтат (караңыз: Молчанова, 1979, 242). Хондхир + аt -т (аt) монгол тилдеринде көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө. Мисалы, ойрот, дөрбөт, өлөт, тайчиут ж.б. Демек, этноним жылкынын түсүн эмес, «ойдуң, колоттуу жерде, өрөөндө жашагандар» маанисин туюнтат. Рашид-ад-Дин коңураттар тоо менен курчалган өрөөндөн чыгышкан деген учкай уламыш сыңар маалыматты жазган. Кыргыздын мундуз уруусунун курамындагы «коткор» (мундуз) этноними да бурят-монгол тилдеринде «ойдуңдагы, түздүктөгү мундуздар» маанисин берет. Топонимикалык аталышка байланыштуу келип чыккан уруу (урук) аттары бир топ санда кездешери маалым. Хакас этнографы, профессор В.Я.Бутанаев сунуш этип жүргөн Хонгорай, Конгурай (Хакасиянын XVIII к. кийинки аталышы – О.К.) термини «ойдуң», «өрөөн», «тереңдик» маанисин аныктайт десе болот.

БАРАК

Барак – жору, саяк урууларынын курамындагы уруктар (Абрамзон, 109). Уруктар аталышынын параллелдери өзбек-катаган, өзбек-коңурат (кийинки учурда бул этникалык топтордун өкүлдөрү лакайлар сыяктуу эле «өзбек» деген кошумча аттан баш тартышкан фактылар бар – О.К.), казак, түркмөндөрдүн уруулук курамдарында бар. «Барак» байыркы түрк тилдеринде «ит» деген маанини түшүндүрөрүн Махмуд Кашгари «Сөздүктө» чагылдырат (М.Кашгари, Т.1, с. 359). Барак – орто кылымдардагы (Х– ХI кк.) кыпчактарда узун түктүү иттин породасын түшүндүрүп половец (кыпчак) княздарынын энчилүү аты катары да маалым болгондугун орус жылнаамалары баяндайт. Рашид-ад-Дин «Жами ат-Таварихте» ит – барак терминин колдонуп кетет (Рашид-ад-Дин, Т.1, Кн. 1, с. 148). Демек, бул фактылар барак-ит синонимдеш терминдеринин түрк дүйнөсүндө кенен колдонулгандыгын аныктайт. Түркмөн ономасты С.Атаниязов айрым изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянып түрк мөндөрдөгү «барак» этнониминин келип чыгышын Алтын Ордо ханы Барак хан жана Чагатайдын түз тукумдарынын бири болгон Барак менен байланышта карайт. Арийне, бул этникалык аталыштын негизинде байыркы көчмөн уруулардын, анын ичинен кыргыздардын итке тотемдик жаныбарга карата сыйынуусу жатат. Буга кыргыз санжыраларындагы мифологиялык иттер жөнүндөгү уламыштар да мисал боло алат. Уламыштын мазмуну жана маңызы кыргыздар ислам динин кабыл алгандан соң бир топ бурмалаган. Ушундай эле уламыш кыргыздарга теги жакындыгы аныкталган лакайларда да бар экендиги ырасталганы анык (караңыз: О.К.Каратаев. Лакайлар деген кимдер? «Кыргыз Руху» 1997, №11, 21-март). Итке байыркы монгол тилдүү уруулар да сыйынышкандыгы маалым. Байыркы кидандар (кара кытайлар) жылдын күз мезгилине туш келген майрамын дан-хеми (кытайчадан сөзмө-сөз которгондо «ит баш») деп аташкан. Ритуал учурунда мамлекеттин акими өз колу менен ак итти курмандыкка чалгандан соң, иттин башын хандын ордо үйүнөн жети кадам түштүк тарапка көмүп, тиштерин жер бетине калтырып коюшкан. Жети күн өткөндөн соң, иттин башы көмүлгөн жерге акимдин ордо үйүн орнотушкан. Тува шамандары табыптык милдетти аткарууда көк жал карышкыр менен катар кара ит (тув. «кара адай») оорулууну айыктырууда жардамчы – дух болоруна ишенишкени жөнүндө маалыматтар бар. Итке тотем катары мамиле жасоо алгачкы общиналык коом пайда болуусу ыктымал. Эң алгачкы колго үйрөтүлгөн үй айбаны иттин тотем катары чыгыш теги карышкырга байланыштуу болуусу мүмкүн. Демек, мындан уламыштардагы мифологиялык сары иттер жана Борбордук Азия чөлкөмдөрүндө байырлап, кийинчерээк тукум курут болгон кызыл карышкырлардын ортосунда байланыш барбы деген суроо келип чыгат.

БААРЫН

Баарын – оң канаттагы анчалык чоң эмес уруунун аталышы. Этнонимдин параллели башкырларда – «барынтабын», монголдордо – «баарын», орто кылымдын кечки мезгилдериндеги көчмөн өзбектерде «бахрин» формаларында кездешет. Баарын – кыргыз тилинде «ителги менен ылаачындын аргындашуусунан келип чыккан алгыр куш» маанисин берет. Баарун (гар) – моңголчо «батыш», «оң», -гар -«кол», «оң кол», «оң канат», «оң канаттагы уруу» дегенди түшүндүрөт. ХVI–XVIII кк. Ойрот-монгол уруулары «барунгар», «дзюнгар» (Жунгар) деген чоң уруулук бирикмелерге киришкендиги маалым. Этноним адепки ирет моңгол урууларынын курамынан «байрин» формасында кездешээри аныкталгандыгы ырас. Байриндер – Чынгысхандын сол канаттагы аскерлеринин курамына киришкен (Рашид ад-Дин Т.1, Кн. 1,186-б.). Ушул эле фарси автору баариндерди (баарын) теги таза моңгол уруусу экендигин жазат (Рашид ад-ДинТ. I, Кн. II, 78-б.).  Грумм-Гржимайло да барындарды (бариндер) насили моңгол уруулары экендигин, алар XII к. Селенге дарыясына жамаатташ аймактарды байырлашкандыктарын белгилейт. 1206-ж. энесайлык кыргыздар Чынгысханга өздөрүнүн баш ийгендиктерин билдиришкен соң, улуу каган аларды (кыргыздарды – О.К.) барин уруусунан чыккан Хорчинин ээлигине бөлүп берген. Арийне, Р.Г.Кузеев кыргыз жана башкырлардын курамдарындагы баарындардын этногенетикалык жакындыктарын (этнонимиялык жана уруулук эн тамгалардагы окшоштуктар) эске алып, XII к. эле Жети-Сууга журт которушкан баариндердин, бир бөлүгү башкыр – табындардын, айрымдары кыргыздардын курамына жуурулушкан деген жүйөлүү пикирин айтат. Бул пикир кыргыз-башкыр этникалык тыгыз байланышт арын дагы бир ирет бекемдейт. Албетте, Борбордук Азиядагы баариндердин көпчүлүк бөлүгү ХII–ХIII кк. чегинде батыш тарапты көздөй журт которушкандыгы ырас. Кийинчерээк, баариндер теңир-тоолук моголдордун курамынан кушчу, дуулат, черик ж.б. уруулар менен бирге эскерилет. Могулистандын калкынын дээрлигин кыргыздар түзөрүн эске алганда, баариндер өз алдынча этнокомпонент катары кыргыздардын курамына ХII–ХIV кк. кеч эмес кирген деген пикир чындыкка жакыныраак. Этнонимдин адегендеги толук маани-мазмуну тотемдик алгыр кушту аныкташы да мүмкүн. Этноним топонимикалык ат катары да белгилүү. Ош облусунун Ноокат районунда Баарын аттуу айыл бар экендиги маалым. Бүгүнкү Крым жарым аралыгындагы Барын этнотопоними орто кылымдардагы кыргыз жана монгол тилдүү уруулардын миграциясын чагылдырары шексиз. Буга аталган жарым аралдагы, Түштүк Молдавиядагы (Кыргыз-Кытай, Кыргыз-Суу ж.б.) этнотопонимдери далил боло алары анык.

БОТУГУР

Ботугур – саяк уруусунун курамындагы урук. Этноним аркылуу кыргыздардын тунгус -манжур элдери менен байланышын, тагыраак айтканда, кыргыздардын этногенезисиндеги тунгус-манжур компоненттерин аныктоого болот. Боту + гур, «гир», «гур» сөзү эвенк тилинде «адамдар», «урук», «уруу» маанисин берет. Мисалы: гурагир – (гуран) = «жапайы теке уруусу», путугур – «каздар уруусу», кукту-гир – «күкүк уруусу», кандигир – «өрдөк уруусу» ж.б. Эвенктердин курамындагы бул уруулук аталыштардын келип чыгышында тотемдик негиз аныкталган. Этнонимдин баштапкы формасы бото + гур / / гыр // гир болуусу мүмкүн. Анда энчилүү атты «бото уруусу» (бото – төөнүн ботосу) деген мааниде чечмелөөгө болот.

БИЛДИР

Билдир – бугу уруусунун курамындагы урук. Этнонимдин параллели хакастардын «пилтир», фуюй кыргыздарынын курамынан «былтырды» формасында кездешет. Кыргыздар, хакас жана фуюй кыргыздарынын (Кытай Эл Республикасы) тегинин жакындыгын аталган этнонимдер далилдеп турат. Хакастардын тарыхый фольклору бельтирлерди (хак.пилтир) 1703-жылы Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн кыргыз-хоорайлардын ата-журтуна (Минуссин ойдуңу – О.К) кайрылып келгендердин урпактары катары баяндайт. Учурда, хакас – сагайлардын курамына сиңип кеткен «пилтирлер» калмак (монгол) тилинде «аралаш», «бир өңчөй эмес», «жуурулушкан» деген маанилерин туюнтат. Убакыттын өтүшү менен «пилтир» деген термин этникалык аталыш (экзоэтноним) катары калыптанган. Азыркы учурда тувалар хакастарды «белдир» деп аташары маалым. Ал эми «бель-тир» – хакас, алтайлыктарда дарыянын, суулардын, коктулардын биригип кошулган жерлерин да аныктары белгилүү. Арийне, «белтир» – энесай кыргыздарынын уруулук энчилүү аты катары 1703-жылга чейин белгилүү болушу мүмкүн. Анткен себеби бугу уруусунун курамындагы «билдир» этноними буга далил боло алары шексиз. Фуюй уездиндеги кыргыздар (чигдир, былтырдыр, табхын, кэргэс,табындар, сындырдыр) XVIII к. орто чендеринде Жунгар хандыгы Цинь империясы тарабынан талкалангандан соң, Манжурияга көчүрүлүп кеткендердин урпактары болуп саналышат. Бул орчундуу, ары татаал маселе өз изилдөөчүлөрүн күтүп жатат.

БАГАЧЫ

Багачы – мунгуш уруусундагы төлөйкөндүн курамындагы урук. Этнонимдин параллели кыргыздардын саяк уруусунан – «бакачы», түркмөндөрдө – «бага», «багача» формаларында кездешет. «Вауа» – байыркы түрк доорундагы титул. Илтереш каган Тонюкукка «бойла бага таркан» деген титул ыйгарганы маалым. Байыркы Кыргыз мамлекети административдик-аймактык жактан алты бирдикке («баг») бөлүнгөндүгү тууралуу даректүү маалыматтар бар. Бүгүнкү Тувадагы өөк Тарлактан (Е.1) табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «Атым – Эл Туган Тутук бен. Теңири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка (элге – О.К.) эр (тим)» – деген саптар жазылган III, с. 8–9). Байыркы түрк сөздүгүндө төмөнкүдөй маалымат бар: «Аlti bag» – к к. Азыркы Туванын аймагындагы аскердик административдик бирдиктер. 840-ж. кийин (IX кк.) азыркы Туванын аймагы Кыргыз каганатынын курамына киргендиги маалым. Уйгурлардан тартып алынган жерлерге, андагы жашаган уруулардын үстүнөн кыргыздар жаңы башкаруу системасын киргизгени көрүнүп турат. Бага + чы: чыгыш теги байыркы мезгилдерге таандык -чы /чу мүчөсү түрк тилдеринде продуктивдүү колдонулуп, адамдардын жашаган аймактарын да аныктайт. Л.З.Будагов «бага» сөзүн «топ», «түйүн», «бөлүк» же тагыраак айтканда, мааниси «урук», «уруу» дегенди түшүндүрөрүнө токтолот. Демек, «баг» термини административдик-аймактык бирдиктерге бөлүнүүдө «уруу», «урук» деген аталыш менен бирдей мааниде колдонулган десе болот. Анткени эзелтеден аймактык-административдик бөлүнүштөр уруулук же этникалык белгилерге карата аныкталып келери аныкталган.

БЕЧЕН

Бечен / печен – чоң багыш уруусунун курамындагы ири уруктардын бири. Айрым маалыматтарда «бечине», «пичине» формаларында чагылдырылат. Печенектер (бэченэк, печенак) байыркы түрк тилдүү ири уруулук бирикмелерден болгондугу маалым. Бул уруулук бирикме кытай жылнаамаларында «бей-жу» деген ат менен белгилүү болгон. Орус булактарында печенектер уруулук союзу IХ–ХI кк. чектеринде маалым боло баштайт. Бул бирикменин курамына хазар ж.б. уруулар да киргени талашсыз. Болжолу, кийинчерээк ковуй, берендей, каепич, боут, могут, торк (орус жылнаамаларындагы аталыштары өзгөрүлбөй берилди – О.К.) уздар (огуз) печенек союзунан бөлүнүп чыгышкан.

Оболу, печенек уруулары Балхаш көлү менен Арал деңизинин ортолугун байырлашкан. IХ к. печенектерди чыгыштан жер которгон кимак – кыпчактар уруулук союзу кысымга ала баштаган. Волгадан чыгыш тарапта көчүп-конуп жашаган печенектер IX к. Киев Русунун түштүк аймактарына журт которушат. Махмуд Кашгари печенектерди («Сөздүктө» – бечанак формасында жазылган – О.К) Румга (Византия империясы) чектеш байырлаган түрк тилдүү уруулардын (элдин) бири экендигин жазат (М.Кашгари Т. 1, с. 64; 90). IХ–ХI кк. Византия империясы, Киев Русу печенектердин чабуулунан көп жапа чеккендиктери тарыхый булактарда, элдик болумуштарда (орус былиналары) кенен баяндалат. Печенектер кыпчактардын этникалык жүзүнүн калыптанышында олуттуу катышкан. Айрым печенек этникалык компоненттери кыпчактардын уруулук курамына жуурулушкан (Кузеев, 1974, 170). Болжолу, печенек-кыпчак тилдери теги жагынан өтө жакын болушкан. М.Кашгари «Сөздүктө» кыпчак жана печенек тилдеринин өтө жакын экендигин эскерген (М.Кашгари,Т. 1, 66-б.).

Кыргыз-печенек этникалык алакалары болжолдогондо, VIII–IX кк. Орто Азия чөлкөмүндө жүргөн десе болот. Биздин пикирде, бул алака Волга бою жана ага жамаатташ аймактарда да уланган. С.И.Руденко бүгүнкү башкырлардын курамындагы «кыргыз» этнокомпоненти аталган аймакта кыпчак толкунуна чейин эле (IX–Х кк.) болгон деген жүйөлүү пикирин жазат (Руденко, 1955, 50; 329). к к. Сыр дарыянын бүгүнкү Түштүк Уралдын аймактарына журт которгон башкорттордун тогуз уруусунун эң ириси кыргыздар болгондугу маалым. Демек, курамына «кыргыз» этнокомпоненти кирген башкырлар Волга тарапка печенектер менен бир мезгилде журт которгону аныкталып турат. С.М.Абрамзон печенек-бечен (чоң багыш) генонимдеринин тегинин жалпылыгын белгилөө менен Теңир-Тоодон түндүк-батыш тарапта (Волга дарыясы, Түштүк Урал аймактары – О.К.) жүргөн кыргыз-огуз (печенек) этникалык байланыштары жөнүндө илимий негиздүү пикирин айткан. Кыргыздардын айрым бир уламыштарында Болгар (Булгар – О.К.) өлкөсү жана ал жактан бүгүн кыргыз жергесине журт которуп келген (күркүрөө, жетиген, кушчу) уруулар жөнүндө маалыматтар бар (Абрамзон, 1990,76). Этнограф И.Б.Молдобаев да өз иликтөөлөрүндө кыргыз этнонимиясындагы бечен, чарык, аят ж.б. уруулук аталыштар орто кылымдар мезгилиндеги кыргыз-огуз этникалык алакаларынан кабар берерин белгилейт (Молдобаев, 1985, 162). Кыргыз фольклорчусу Т.Абдракунов «Манас» эпосундагы «Бээжинди» белгиленип жүргөндөй Пекин топоними менен эмес, VIII–Х к.к. Сыр дарыяга жамаатташ байырлаган көчмөн уруулардын энчилүү аты – «бэжэнэк» этноними менен жалпылыкта караган көз карашын айтат (Абдракунов, 1990, 92–93). Бул жүйөлүү илимий пикир кошумча иликтөөлөргө айрым тактоолорго муктаж. Түрк тилдеринин огуз бутагында сүйлөгөн гагауздардын этникалык жүзүнүн калыптанышында печенек уруулары чечүүчү ролду ээлешкен. Бүгүнкү гагауздардын негизги бөлүгү жашаган Түштүк Молдавияда Кыргыз, Кыргыз-Кытай гидронимдеринин болушу да капысынан эмес чыгар. Этнонимдин мааниси жөнүндө илим чөйрөсүндө бирдей пикирлер жок. Рашид ад-Дин «жакшылык аракетте керектөө жана колдоо», Абул Гази «жасоочу», «аткаруучу» маанилеринде чечмелешет (Махпиров, 1997,114). С.П.Толстов этнонимди байыркы иран тилдүү апасиак же пассиандар менен параллел карайт (Атаниязов, 1988, 32). Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү профессор Н.А.Баскаковдун илимге киргизген көз карашын колдоп келишет. Автордун пикиринде печенек этноними «бажа+нак»; «бажа» же негизинен бир уруудан үйлөнүшкөн урук, топ маанисин түшүндүрөт. Ал эми -нак мүчөсү кичирейтип, эркелетчү татаал суффикс (Баскаков, 1985,51). Бул илимий пикир В.В.Бартольд, И.Макварт ж.б. көз караштарын колдоо дегенди аныктаары шексиз. Арийне, бул көз карашка немец алымы Г.Дерфер өз иликтөөлөрүндө каршы чыккандыгы маалым (Махпиров, 1997,114).

Биздин көз карашыбызда, этнонимди башка мааниде, анын чыныгы маңыз-мазмунун аныктаган өңүттө чечмелөөгө болот. Бечен – тунгус тилдүү элдерде «элик» маанисин берет. Беченек; бечен + ек; бечен – тунгус-манжур тилдерине айрым иликтөөчүлөрдүн белгилөөсүндө түрк тилдеринен келип кирген (Новикова, 1972, 141). -к; -ек көптүк маанини аныктаган байыркы сөз жасоочу мүчөлөр. Демек, беченек этноними «элик уруусу», «эликтин тукуму» дегенди туюнтуп, байыркы тотемистик ишенимди чагылдырат. Буга кыргыздардын бугу, багыш, кийик, найман, куран найман, теке ж.б. этнонимдерди параллель коюуга болот. Жыйынтыгында, этнонимдин маанисинин чечмеленишинин акыркы варианты чындыкка жакын деген пикирге токтолобуз.

БАЯТ

Баят – тейит уруусунун курамындагы урук. Бул этникалык аталыш байыркы түрк доорунан эле белгилүү. Махмуд Кашгари байыркы огуз уруулук бирикмесине кирген баяттар жана анын эн тамгасы жөнүндө маалымат берет (М.Кашгари, Т. 1,67). Рашид- ад-Дин баяттарды огуз – түркмөн урууларынын оң канатына кирген өз алдынча уруу экендигин билдирген (Рашид-ад-Дин Т. 1,Кн. 1,с. 76). Арийне, ушул эле фарси автору баяттарды (монг. «баяут») монгол тилдүү этникалык чөйрөгө таандык экендигин, «жадай-баят» жана «кэхэрин – баят» деген эки дарыяга жамаатташ байырлаган сулдуздардын кошунасы катары сүрөттөйт (аталган эмгек, 173–175-бб.). Абул Гази да өз эмгегинде Рашид-ад-Диндин берген маалыматтарын бышыктайт (Абул Гази, 1906,52). Болжолу, ХII–ХIII кк. бул этникалык компоненттер бир эле учурда монгол жана түрк тилдүү уруулардын курамдарында болуу керек. Анткени айрым изилдөөчүлөр байыртадан эле белгилүү болгон баяттарды печенег-огуздардын курамындагы ушул эле ат менен маалым болгон уруу менен этникалык жалпылыкта карашат (Кузеев, 1974,174; Атаниязов, 1988,30). Этникалык аталыштын параллелдери казак, өзбек, сары уйгур (югур) жана түркмөндөрдүн уруулук курамдарында бар. Учурда, Монголиянын Убсунур аймагында өздөрүн «баят» деп аташкан, монголдордон айрым бир өзгөчө лүктөрү бар уруу жашайт (Народы мира: Историко-этнографический справочник. – М., 1988, с. 93). Арийне, аталган этникалык топ монголдошкон түрк тилдүү уруулардын бири болушу да ыктымал. «Баят» сөзүн Махмуд Кашгари аргу (оргу) тилинде «кудай», «алла таала» маанисинде чечмелейт (Чороев, 1991,457). Рашид ад-Дин «бактылуу», «телегейи тегиз», ал эми Абул Гази «бактылуу», «бай» деген формада аныктама беришет (Абул Гази, 1906, 25; Кононов, 1958,53). Бирок соңку мезгилдеги изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү baian < dаiаn, монголчо «бай», «байлык» (бая = бай+т; -т мүчөсү бурят-монгол тилдеринде көптүк маанини билдирет), маанисин аныктарына токтолушат (караңыз: Махпиров, 1990, 67). Этникалык компонент кыргыздардын курамына IХ–Х кк. чейин эле кирүүсү мүмкүн.

БӨРҮ

Бөрү – оң канаттагы (адигине уруулук тобу) ири уруулардын мачак, чоно // чино синонимдеш аттар болуп эсептелет. Борбордук Азияны мекендеген байыркы уруулар (хуннулар, түрк-монгол тилдүү уруулар) өздөрүнүн башатын карышкырдан деп түшүнүү менен ага касиеттүү күч катары сыйынышкандыктары маалым. Байыркы теле (төлөс) уруулары өздөрүн хунну акиминин кызы жана карышкырдан тараганбыз деген ишеничте болушкан. Байыркы түрктөр өздөрүн хунну ханзаадасы менен эне карышкырдын урпактары экендигин өзгөчө белгилешкен. Байыркы түрктөргө таандык «ашина» этноними (ашина- «а» урматтоону аныктаган кытай префикси,-шоно, / чоно/ чино – монголчо «карышкыр») «бөрү», «карышкыр» маанисин берет (Атаниязов, 1988, 34–35). Бүгүнкү монголдор чыгыш тегин касиеттүү марал (Гао марал) жана карышкырдан (Бортэ Чино) таратышары уламыштарда чагылдырылат. Огуз кагандын аскер жүрүштөрүндөгү жол баштоочусу карышкыр болгондугу жөнүндө уламыштар айтылат. Башкыр фольклорунда бул элдин мергенчи менен эне-карышкырдан тарагандыгын баяндаган уламыштар чагылдырылат. Р.Г.Кузеев көпчүлүк түрк элдеринде кийинки учурларда тотем-карышкыр сактоочу (покровитель) функциясын аткарып калганын белгилейт (Кузеев, 1974, 155). Кыргыздарда түз тиешелүү маалыматтар жоктугуна карабастан, карышкырга байланыштуу ырым-жырымдар тотемизмдин изин чагылдырат (Баялиева, 1972,22). Карышкырдын тырмагы, тиши, тарамышы ж.б. оорудан, түрдүү кырсыктардан сактоочу амулет болгондугу ырас. Мындай ишеним ырым-жырымдарда Түштүк Сибирдин элдеринде (алтай, тува, хакас) да абдан кенен таралган. Мисалы, карышкыр тувалардагы шамандардын жардамчы-духтарынын бири болгондугу маалым. Байыркы кыргыздардын карышкырга карата тотемдик ишенимдери Түштүк Сибирдеги руникалык таш эстеликтеринде да чагылдырылат: «Мен жети бөрүнү өлтүрдүм» деген маалыматтар бар (Малов, 1952, 33). Бүгүнкү хакастардын курамында эң байыркы «чити пүүр» (жети бөрү – О.К.) аттуу урук (сөөк) белгилүү. Энесайдагы жазууларда кыргыздардын өлкөсүнүн ичинде «жети бөрү» жана алардын курамындагы «көк жана кара бөрү» уруулары менен согушкандыктары баяндалат. Энесай кыргыздарынын урпактары катары эсептелген хакастардын курамындагы «чити пүүр» (жети бөрү) уругу (хакас-сагайлардын ичинде) ак пүүр, хара пүүр, көк пүүр ж.б.у.с. жети уруктан тургандыгы маалым (Бутанаев, 1990, 68). Жогорудагы фактылар, айрым параллелдер түз генетикалык байланыштарды аныктары бышык.

БАЯНДЫ

Баянды – жедигер уруусунун курамындагы урук. Этнонимдин эзелки формасы баяндыр: -р көптүк маанини аныктаган байыркы сөз жасоочу мүчө. Параллели түркмөндөр байындыр формасында кездешери маалым (Атаниязов, 1988, 28). Энциклопедист Махмуд Кашгари «Сөздүктө» баяндырлардын («Сөздүктө» байундур) огузтүркмөн уруулук бирикмесине кирери жөнүндө жазып, эн тамгасы тууралуу алгачкы маалыматты берет. Эн тамгасы: ЗЗ формада болуп, байыркы булактарда чагылдырылган жалпы кыргыз эн тамгасына түзүлүшү жагынан окшоп турат (караңыз: М.Кашгари Т. 1,90-б.). Рашид ад-Дин «Жами ат-Таварихте» баяндурларды Огуз кагандын Көк хан аттуу баласынан тараган уруу катары маалымат берет. Фарси окумуштуусунун берген маалыматтарына караганда баяндурлардын эн тамгасы Ң, сыйынган кушу – кыргый (Рашид ад-Дин, т. 1, Кн. 1,6.89). Ушул эле автор этнонимди «жер жүзү, жыргалчылыкка толсун» деген мааниде чечмелейт (аталган эмгек, 89-б.). Абул Гази болсо, этникалык аталышка «бактылуу» маанисинде түшүндүрмө берет (Абул Гази, 1906, 25-26). Академик В.В.Бартольд орус жыл баяндарындагы берендейлердибайандурлар менен жалпылыкта карайт (Бартольд В.В. Соч. 5, 272-б.). Арийне, этникалык аталыштар бири-биринен ыраак жайгашкан эки башка урууну аныктары маалым. А.Н.Кононов баяндур жана баят этнонимдерин негизин түзгөн бай, баян сөздөрү «бай», «байлык» маанилерин аныктарын жазат (Кононов А.Н. Родословное древо тюрков с. 92, 96). Биздин пикирде этнонимдин маанисин чечмелөөдөгү А.Н.Кононовдун пикири илимий негиздүү. Эн тамгалардагы генетикалык жалпылыктарга жана кыргыз-огуз этникалык байланыштарына таянып, баяндылардын кыргыздардын курамындагы байыркы этнокомпонент катары кароого негиз бар.

БАЙТЕРЕК

Байтерек – сарыбагыш уруусунун курамындагы урук. Азыркы кыргыз тилинде төмөндөгүдөй аныктама берилет: Байтерек – жалбырактары калың, туш-тушка тармакталып бутактап чыгуучу чоң терек. Минуссин ойдуңунда (Хакасия) Пай-Тирек аттуу эзелки топоним сакталып келет (Бутанаев, 1990,87). Өткөн доорлордо ар бир уруунун сыйынган жаныбары, кушу, тоосу, эн тамгасы, дарагы болгондугу маалым. Бул кыргыздарда, өзгөчө Түштүк Сибирдин түрк-монгол тилдүү элдеринде соңку мезгилдерге чейин сакталып келди. Байтерек – кыргыздар үчүн ыйык дарак болгондугун айгинелеген фактылар бар. «Манас» үчилтигинде Букарды көздөй качып, жолдо чарчап-чаалыккан Каныкей жана Чыйырды ыйык деп эсептелген байтеректин көлөкөсүнө эс алууга токтоп, уйкуга кетишет. Ушул учурда кайдан бир аркар пайда болуп, Семетейди сүтү менен эмизгендиги баяндалат (Абрамзон, 1990, 303–304). Эпосто асман менен жердин ортолугундагы тирөөч катары турган дүйнөлүк дарактын модел-түшүнүгү чагылдырылат (Молдобаев, 1995, 208– 211). Байтерек (Чынар терек) – эпос боюнча бутагынан адамга укмуштуу ал-кубат берүүчү сүт чыккан касиеттүү дарак. Дүйнөлүк оозеки чыгармачылыкта жана диний түшүнүк төрдө аалам дарагы (өмүр дарагы, космос дарагы) жөнүндөгү миф кеңири белгилүү. Ал дарактын тамыры жер астындагы дүйнөдө (өлүктөр өлкөсүндө), ортоңку сөңгөгү жер үстүндө (кадимки адамдар өлкөсүндө), башы асманда (кудайлар өлкөсүндө) жайгашып, бүткүл ааламды өзүнө туташтырып турат деген ишенимге ээ. Байтеректин эгеси көпчүлүк учурда аял (эне) түрүндө элестетилет. Атайы изилдөө жүргүзүлгөн окумуштуулардын пикирине караганда «бай» – «ыйык», «жаратуучу» (кудай) деген мааниге ээ. Демек, «Байтерек» – «ыйык терек», «жаратман терек» дегенди билдирет. Соңку мезгилдерге чейин байыркы дини – шаманизмди тутуп келген Борбордук Азияда жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармаларында Байтерек биздин эпостогуга салыштырганда, байыркы белгилерин толук сактай алган…

… Якут олонхолорунда ушундай эле дарак адамдарды ар кандай кырсыктан сактоочу гана эмес, алардын түпкү энеси да болуп саналат (Манас. Энциклопедия Т. 1, 127-б.). Кыргыз, хакас жана алтайлыктардын дүйнөлүк дарак жөнүндөгү мифологиялык түшүнүктөрүндө бир катар жалпылыктар бар экендиги аныкталган (Молдобаев, 1995,209). Этникалык аталыштын параллели казактарда «бай-терек» формасында сакталып келет. Мындан сырткары, казактын улуу жүзүнүн курамына кирген канлы уруусунун аскердик урааны «байтерек» деп чакырылгандыгы маалым.

БЕГЛЕР

Беглер – баргы уруусунун курамындагы урук. Антропоэтноним. Беглер (бек+лер=тер) = бектер маанисин аныктайт. Этникалык аталыш уруунун түпкү бабасынын социалдык абалын чагылдырышы мүмкүн. Параллелдери түркмөн этнонимиясында бир нече ирет чагылдырылары маалым (Атаниязов, 1988,30). Бек – кыргыздарда «бий», «кашка» титулдары сыяктуу бийлик, мансап даражасын аныктаган. Бек – «Манас» дастанында аскердик титул катары да учурайт («Манас». Энциклопедия.Т. 1,142-б.).

БАРГЫ

Баргы – адигине уруулук тобундагы ири уруунун бири. Санжыра боюнча Баргы Адигиненин улуу баласы экендиги баяндалары маалым. Оң канатка кирген баргылар кыргыз этносунун пайдубалын түптөгөн байыркы уруулардан болот. Баргу – азыркы Монголияда топонимикалык аталыш катары да белгилүү. Айрым маалыматтар. Ички Монголиядагы (Кытай Эл Республикасы) монголдордо «барга» аттуу ири уруу бар экендигин кабарлайт. Рашид ад-Дин (XIII к.) төмөнкүдөй маалыматтарды жазат: «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, бул жерлер бир мамлекеттин (Кыргыздар мамлекети – О.К) курамына кирет… Кэм-Кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужин Токум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашашат, алардын айрымдары монгол тилинде сүйлөшөт (Рашид-ад-Дин, Т. 1, Кн. 1-с. 150). Фарси автору баргулардан Иранда (монгол администрациясында, XIII к. – О.К.) белгилүү мамлекеттик ишмерлер болгондугун жазат. Рашид ад-Дин: «Баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга да рыясынын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн бар гуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужин Токум деп аталат» – деп жазат (көрсөтүлгөн эмгек, 121-б.). Баргулар түрк (кыргыз) тилинде сүйлөгөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын титулатурасы айгинелеп турары бышык. Демек, XIII к. бүгүнкү кыргыздардагы эң ири уруулар катары эсептелген найман, дөөлөс (төөлөс), баргы, баят (тейит), туума тукум (найман) ж.б. «Кыргыз өлкөсү» жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Энесайдын чыгыш тарабындагы жайгашкан жерлер монголдордо ХII–ХIII кк. «Баргужин – Тукум» деген ат менен белгилүү болгон (Бертагаев, 1958,173). Рашид ад-Дин берген маалыматтарга караганда баргуттар (-т монгол тилдеринде көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө – О.К.). Чынгысхан жана анын мураскорлоруна ак дилден кызмат өтөшкөн (караңыз: аталган эмгек, 122-б). Баргу, төөлөс, туматтар падышаларын «инал» деп аташары алардын тегинин кыргыз экендигин дагы бир ирет тастыктары ырас. Баргалжан (Баргужин) – монгол тилдеринде «түнт токойлуу»,«өздөштүрүлө элек тоолуу аймак», токум – монг. төхүм

«төркүн», «уруулаштар», «туугандар» дегенди аныктайт (Бертагаев 1958, 174). Учурда Бурятияда Баргузин аттуу аймактык-административдик бирдик бар экендиги маалым. Теле уруулары менен этникалык-маданий, соода алакаларында болуп турушкан. С.М.Абрамзон байыркы телелердеги пу-гу, бай-си урууларынын энчилүү аттарын бүгүнкү кыргыздардагы бугу, байсу (саруу) этникалык аталыштары менен жалпылыкта карайт (Абрамзон, 1990,65). Изилдөөчүлөр Крым жарым аралында Байсу этнотопоними бар экендигин аныкташкан (Лезина, Суперанская 1984, 84). Байсу этникалык компоненти кыргыздардын курамында бери болгондо VI–VII кк. белгилүү десе болот. Мындан сырткары, байыркы телес (теле) урууларынан кыргыздардын курамына төөлөс (дөөлөс, төлөк, телек ж.б.) этнокомпоненттери кирген.

БУУРАЛАР

Бууралар – дөөлөс уруусунун курамындагы урук. Этникалык аталыш Караханийлер мамлекетинде мансап наам катары белгилүү болгон (караңыз: буурахан этноними). Кыргыз тилинде «буура» – тукумдатуучу төө маанисин аныктайт. Ушул эле мамлекетте «буура» тотем-жаныбар болгондугун аныктаган фактылар бар (Караев, 1975, 177–178). Арийне, этникалык аталыш биздин баамыбызда кыргыздардын байыркы шаман дини менен болгон байланышын аныктап турат. Кызыктуусу, түркмөндөрдө «пыр хан» – бакшы (шаман) маанисин туюнтат. Этникалык аталыш (Буура) алтай кижи жана телеуттарда курмандыкка чалынуучу жаныбарды аныктаса, монгол жана якуттарда «бугу», сойоттордо – (тувалар – О.К.) «багыш» маанисин билдирет (Вяткина, 1933, 50). Буура (пура) – алтай шамандарынын диний лексикасында кенен пайдаланылган термин болгон. Алтайлык жана Тоолуу Алтайдагы телеуттардагы шамандар бул термин менен кансыз (муунтулуп өлтүрүлгөн – О.К.) курмандыкка чалынган жылкынын жана анын көрүнбөгөн көмүскөлүү шеригин аташкан экен.

Түндүк алтайлыктарда «бура» ыйык духтардын жана кудайлардын мингич атын аныктаган. Көк Теңир «бураны» шамандарга жардамчы, колдоочу иретинде жөнөтүп турат имиш. Айрым шамандар диний ритуал учурунда «буранын» жардамы менен «көк асманга» көтөрүлүп турушкан (Потапов, 1991,51). Шор, куманды, түндүк телеут, качин, сагай шамандары бураны (пура) башкы жардамчы жана колдоочу катары билишип, аны бул дүйнөдөгү өзүнүн өмүрү, жашоосу менен бир карашкан. Бул фактылар шаманизмдин Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде тарыхый бир кыртышта өнүккөндүгүн ырастайт.

Бура – шаман дининде үч функцияны аткарган: 1. Тын бура («тирүү» же өлүп-тирилген буура») – шаманга таандык өзгөчө буура. Көк Теңир менен сүйлөшүү учурунда шамандын түгөйү, колдоочусу катары милдетин аткарган; 2. Таг бура – шаман Ульген кудайынан ыйык тоо аркылуу кабыл алган жана анын элеси шаман бубенине түшүрүлгөн: 3. Чар бура – (жер бура) – бубенге элеси түшүрүлүп, шаман тарабынан жашыруун колдонулган (Потапов, 1991,75). Негизинен, буура – жер менен Көк Теңирдин ортосундагы шамандын мингич аргымагын элестетип, шаман лексикасында кудайлар, духтар менен анын ыйык, касиеттүү байланышын чагылдырат (жаныбардын териси капталып жасалган бубен шамандын мингич аргымагынын функциясын аткарган – О.К.). Жалпылаганда, этникалык аталыш кыргыздар тутунган байыркы шаман дининен кабар берет. Исламдын таралышы менен бул диний термин күндөлүк колдонуудан чыгып, урук (уруу) аталышы катары сакталып калган.

АТАН

Атан – багыш уруусунун курамындагы урук. Атан – байыркы түрк тилдеринде «жумушчу төө» маанисин аныктаган. Атан – кыргыз, казак, тува тилдеринде мингич төөнү аныктары маалым. Бул сөз кыргыз тилинде эки мааниде чечмеленет: 1. Бычылган эркек төө. 2. Аты чыгып, элге кеңири белгилүү болуу, атагы чыгуу. Арийне, байыркы лексикалык катмарга кирген бул энчилүү ат шамандык ишенимди чагылдырышы мүмкүн. Бүгүнкү алтайлыктардын курамындагы челкан, телеут жана теленгиттерде шамандын бубени «ак адан» деп аталары маалым (алт.тув. ак адан – «ак төө»). Хакастарда «адан» сөзү шамандын бубенин аныктайт (Бутанаев, 1999,17). Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде бубен – шамандын мингич аргымагын элестетери белгилүү. Ритуал учурунда жаныбардын терисинен (марал, бугу, багыш, төө ж.б.) оролуп жасалган бубен шамандын жер менен Көк Теңирдин ортосундагы аткарылуучу, кабарчылык миссиясында канаттуу мингич аргымакты элестетет (Потапов, 1969, 74–75). Телеут шаманы ритуал мезгилинде «алты өркөчтүү ак адан» деген дубасын айткан (Потапов Л.П., аталган эмгек, 176–177-беттер). Ушул эле автордун белгилөөсүндө «ак адан» челкан шамандарынын кыялында бычылган ак төөнү туюнтат. Бул мисалдар челкандардын, телеут жана теленгиттердин ата-бабалары бир мезгилдерде төө багуу менен кесиптенишкендиктерин да тастыктайт (Потапов, 1969, 79). Унутулуп калган мал чарбачылыгынын бир тармагынын шаман бубенинде чагылдырылышы «ак төөнүн» алгач, тотемисттик мүнөзгө ээ болгондугун аныктайт. Кыргыз, Тува, өзгөчө казактарда ак төөгө сыйынып, курмандык чалып, түлөө өткөзүү кенен тарагандыгы маалым.

АЛАКЧЫН

Алакчын – сол канаттагы саруу уруусунун курамындагы ири уруктун бири. Алакчындар адегенде «ЦзюТаншуда» (Тан династиясынын жылнаамасы, VII–Х кк.) «Ге-ло-чжи», «э-ло-чжи», «бо- ма» (ала аттуулар уруусу) формаларында 638-жылы эскерилет. Ушул эле тарыхый булакта алакчындар киргуттардын (кыргыздардын – О.К.) курамына кирген уруу экендиги баяндалат (Зуев, 1960, 124). «Бо-ма» (Алакчын) уруусу «Цзю Таншуда» «туцюэлер» (түрктөрдөн) түндүккө карай 14000 ли аралыкта көчүп-конуп жүрүшөт, 30 000 аскер коюуга чамалары жетет, алар турган аймакта кар көп жаайт, жерди соколуу ат менен иштетишет. Алардын жылкылары ала түстө, ошондон улам алардын жергеси Алакчын (Бо-ма – кытай транскрипциясы, VII–Х кк.) деген ат менен белгилүү. Деңизге чукул байырлаган бул эл жылкы минишпейт, бирок анын сүтүн тамак-аш азыгы катары пайдаланышат. Цзе-гу (кыргыздар – О.К.) менен согуш абалында болуп турушат… (Зуев, 1960, 124). Болжолу, кыргыздар өлкөсүнүн ээлигинин курамына кирген алакчындар уруусу айрым учурларда көз каранды эместикке ээ болуп турушкан. Буга албетте, Түштүк Сибирдин катаал жаратылыш шарттары, бул аймактардын ыраактыгы да себепкер болгондой. Байкал көлүнө туташ жерлерди мекендеген алакчындар кыргыздар мамлекети менен согуш абалында болушкандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Ангара дарыясы аркылуу жана кыргыздарга баш ийген уруулар менен (кыштымдар – О.К.) алакчындардын ортолугунда табигый чек ара өткөн (Савинов, 1985, 31–33).

«Түрк санжырасынын» автору Абул Гази Бахадур хан»… Бул дарыянын (Ангара – Мурен) боюнда ири шаар жайгашкан, анын айланасында курчалган сандаган айыл-конуштарда көп сандуу уруулар жашашат. Алакчын деп аталган шаардан алыс эмес жерде күмүш кендери жайгашкан, ошондуктан алардын казан-табак, карапа идиштери бир өңчөй күмүштөн жасалат» (Абул Гази, 1906, 40). Кытай жана мусулман булактарынын маалыматтары негизинен дал келет. Кытай жыл баяндарынын берген маалыматтарына караганда, алакчындар (ала аттуулар уруусу) кыргыздарга көз каранды абалда калып турушкан. П.Пеллье Абул Газинин 1233–1254-жылдардагы алакчындарга атайын жөнөтүлгөн монгол элчилигинин маалыматтарына таянып, бул элди Енисей дарыясынын Түндүк Муз океанына куйган жерине жайгаштырат. Ю.А.Зуев байыркы кытай жыл баяндарынын маалыматтарынын негизинде алакчындарды Байкал көлүнүн (кыт. «БейХай») чыгыш тарабына локалдаштырат (Зуев, 1960, 125). Демек, алакчындар түштүк-батыш тараптан кыргыздар, чыгыш тарабынан курыкандар менен чектешкен деген жыйынтыкка келсе болот. Курыкандардын тукумдары болгон якуттардын олонхосунда Аан Алахчын аттуу жердин мифологиялык кожоюну (ээси) жөнүндө уламыштар баяндалат. Ырас, олонходогу бул маалыматтар бүгүнкү якуттардын ата-бабалары болгон курыкандардын алакчындар менен байланышын тастыктары шексиз.

Алакчындар этникалык аталыштын мааниси аныктагандай эле түрк тилдеринин бир диалектисинде сүйлөшкөндөй Г.Е.Грумм-Гржимайло кыпчактарды «бо-ма» деген динлин урууларынын бир бутагы катары караса, Л.Н.Гумилев» бо-маларды» (алакчындар) өз алдынчалыкка ээ, ак жүздүү эл (уруу) болгон деп жазат (Грумм-Гржимайло. Зап. Монг. И Урянхайск. Край. Т. II, 59–б.; Гумилев. Динлинская проблема // ИВГО ТЖЛ, М.–Л., 1859, 18–20–б.).

Л.Н.Гумилев бо-маларды эки топко локалдаштырат: бир бөлүгү (түндүк бомалар) Саян-Алтайдан түндүгүрөөктө, калган бөлүгү «ди» бутагы деп аталып Түндүк Кытайда (Ганьсу) жашашкан (Шаниязов, 1974,31). Байыркы «алакчын» (кыт.Бо-ма) этнониминин түз параллели кыргыздарда гана сакталып келет. Этникалык компонент кыргыздардын курамына VII–VШ кк. кеч эмес келип кирген десе болот. Айрым изилдөөчүлөр алакчындарды бүгүнкү казактардын, каракалпактардын ичиндеги «алчын», «алшындар» менен генетикалык жакындыкта карашат. Арийне, бул пикир кошумча тактоолорго муктаж. Алак + чын; -чын = чин-=джин; Бурят-монгол тилдеринде кесипти, жашаган аймакты түшүндүрөт (караңыз: Т.А.Бертагаев, 1970, 127–129). Мисалы, Баргуджин Токум (Баргулар жашаган аймак) ж.б. Кыргыздарда Акалакчын бийлик иеархиясындагы мансапты да аныктаган.

АЛАНГАР

Алангар – дөөлөс уруусундагы ай тамга уруктар тобунун түпкү атасы. Геноним. Аланго – монгол мифологиясындагы бул элдин түпкү энеси катары эрте орто кылымдардан белгилүү уламыш Алангао жана Бортечино жөнүндөгү уламыш. Мындан сырткары, бурят-монгол тилдеринде Оло (н) – «көп», «көптөгөн», «сансыз» маанисин, ал эми гар – «кол», «колдор» дегенди туюнтат (Бурят – монгольско-русский словарь, 1959, 470). Демек, биздин пикирде этникалык аталыш (алан + гар) «көп сандуу», «сансыз көп уруу, эл, канат» маанисин аныктайт.

АЗЫК

Азык – оң канаттагы ири уруулардын бири. Этнонимди байыркы руникалык жазууларда чагылдырылган «аз» (аздар) этникалык аталышы менен байланышта кароого толук негиз бар. Аздар байыркы түрк доорунда (азыркы Туванын батыш аймактарын мекендешкендиги анык (Потапов 1969,166). Даректүү тарыхый булактар аздардын кыргыздарга кошуна жашагандыктарын баяндайт (Орхон-Енисей тексттери, 1982, 67-б.). Кыргыздардын жана аздардын ортосундагы этникалык түз алакалар дал ушул мезгилден башталышы мүмкүн. Мүмкүн, аздар байыркы кыргыздардын бир уруусу болуусу толук мүмкүн. Аздарды б.з. 706-жылы Могилян каган жеңилүүгө учуратса, Култегин 716-жылы биротоло баш ийдирип алгандыгы маалым. Ушул окуялардан соң көз карандысыздыгын жоготкон аздар батышты көздөй журт которушуп, түрктөрдүн курамына киришти (Потапов, 1969, 166-167). В.В.Бартольд VII к. Жети-Суудагы түрктөрдүн курамындагы «азийлер» менен «аз» элин этнографиялык жакындыкта карайт (Абрамзон, 1990, 50–51). Л.П.Потапов бир катар маалыматтарга таянып, аздар алгач, VII к. чейин теле конфедерациясына кирген деген пикирин айтат (Потапов, 1969, 167). Ал эми кытай жылнаамаларында азыктар (ассиги) кушчу (гэшу) уруусу менен бирге, VI–VII кк. Батыш Түрк каганатынын Нушиби аймагына киргендиги эскерилет (Бичурин 1950, – Т. 1, 288–289-б.). X к. анонимдүү фарсы булагы «Худуд ал-Алам» («Ааламдын чектери»), XI кылымдагы фарс географы Гардизи аздарды түркмөндөрдүн бир бөлүгү катары баяндашат (Потапов, 1969, 167). Албетте, бул маалыматтар аздардын батышты көздөй журт которгонунан кийин жазылганы ырас. «Аз» этноними кыргыздардын курамына «азык», алтайлыктарга (телеуттар) «төрт ас» формасында киришти. Буга аталган «төрт ас» этноними менен кыргыздардагы «төрт тамгалуу азык» уруусу далил боло алат (Абрамзон, 1990, 51). Азы + к; -к мүчөсү чыгыш теги боюнча байыркы гана болбостон, көптүк санды билдирип түрдүү этнонимдердин жасалышына катышат. Байыркы түрк тилдеринде бул мүчө продуктивдүү колдонулган (Серебренников, Гаджиева, 1979, 88). Арийне, азык этнониминин эң байыркы формасы катары тотемдик «Аzыg» сөзүн (мааниси боюнча – «аюу») алууга да мүмкүн (ДТС, 13). Мындай болгондо, этноним Борбордук Азиянын аймактарында жашаган уруулардын аң-сезимине кеңири тараган тотем – жаныбарга (аюу) сыйынуунун негизинде келип чыгуусу толук мүмкүн. XI к. «азык» сөзү огуз, кыпчак, ягма тилдеринде «аюу» дегенди түшүндүргөнү ырас. (Махмуд Кашгари. Индекс-словарь, 13-б.). Байыркы түрк (орхон, кыргыз, уйгур) тилдеринде көпчүлүк учурда сөздүн ортосунда, алгында – сөз (азак), д\т (адак) тыбыштарды колдонулгандыгы маалым.

АК ҮЙЛҮҮ МУНДУЗ

Ак үйлүү мундуз – мундуз уруусунун курамындагы урук. Этнонимдин параллелдери бүгүнкү түркмөндөрдө – «агөйли», көчмөн өзбек урууларында – «ак үйли» формаларында кездешет (Атаниязов, 1988, 13; Абрамзон, 1990, 222). «Ак уйлик» термини орто кылымдардагы түрк тилдеринде (чагатай тили – О.К.) «барымта» маанисин аныктаган. «Ак үйлүү» термининин биринчи мааниси «тектүү жерден барымтага кармалгандар» дегенди туюнтат. Урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин гаранты катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо байыркы жана орто кылымдар мезгилдерине мүнөздүү көрүнүш болгон. Бул ыкманы кытай династиялары да өтө кенен пайдалангандыктары маалым. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун деңгээлинде, көзөмөл астында турушканы белгилүү. Бул тарыхый термин («ак үйлүү») ушул себептерден улам келип чыккан. Экинчи мааниси түркмөндөрдө, каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобун түшүндүрөт (Абрамзон, 1990, 224; Атаниязов, 1988,13). С.М.Абрамзон көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан эзелки салттын «Манас» дастанында да кенен чагылдырарын белгилейт (Абрамзон, 1990, 222).

АРГЫН

Аргын – кесек уруусунун курамындагы урук. Чыгыш теги байыркы этникалык аталыштын параллели хакастардагы кызылдардын жана казактардын орто жүзүнүн курамындагы урук (сөөк) жана ири уруу катары белгилүү (Бутанаев, 1990, 81; Молдобаев, 1995, 143).

Н.А.Аристов аргындар оболу, VII–VIII кк. азыркы Монголиянын түндүк чыгышын байырлашып, кытай булактарында («Тан-шу басими») деген ат менен белгилүү болгондугун жазат (Аристов, 1894, 65). Босымы – аргындар V к. гаогюйлардын курамындагы уруулук бирикме болгон. М.Тынышпаев аргындарды Рашид ад-Диндин жазган маалыматтарына таянып, монгол тилдүү экендигин эскерген (Тынышпаев, 1925, 7). Бирок бул маалымат тактоого муктаж, анткени этнонимдик аталыштын өзү түрк сөзү экендиги көрүнүп турат. ХI–ХII кк. Аргындар Тарбагатайдын түндүгүндө, кыпчактардын чыгыш, наймандардан батыш тарапта мекендешкен. Кытайдагы монгол династиясынын тарыхын чагылдырган «Юань Шиде» аргындар канглы, кыпчактар менен бирге, өз алдынча этникалык топтун курамына киришет (Аристов, 1894, 363). Демек, орто кылымдарда (ХIV–ХV кк.) аргындар түрк тилдеринин бир диалектисинде сүйлөшкөнү анык. Аргындар монголдордун кысымы менен жер которгон наймандар кыпчактар жашаган аймактардан чыгышка сүрүп чыгарышат (Аристов, 1894, 363). Ушул эле мезгилде наймандар кыргыздар менен да кагылышканы маалым. Мындан аргындар кыргыздар менен жамаатташ, мүмкүн, бир аймакты байырлашканын байкоого болот. Бул энесай кыргыздарынын түз тукумдары экендиги аныкталган хакастардын курамындагы «аргын» сөөгү биздин пикирди бекемдейт (караңыз: Бутанаев  В.Я., 1990,81). Изилдөөчүлөр казактардын курамындагы аргын уруусун орто жүз уруулар тобунун аталышынын синоними катары карашат (Молдобаев, 1995, 144). Автор казак-аргындар менен кыргыздардын этнонимиясындагы окшоштуктар түз этникалык байланышты аныктарын белгилейт (аталган эмгек, 144-б.). Казак-аргындар менен кыргыздардын уруулук аталыштарында 36 параллел бар экендиги аныкталды. Бул параллелдер кокусунан эле келип чыгышы мүмкүн эмес экендиги анык. Этнограф Б.Х.Кармышева өз эмгегинде лакайлардын бүгүнкү казак-аргындар менен өтө тыгыз этникалык алакалары бар экендигин белгилейт (Кармышева, 1976, 232–236). Ал эми биз тараптан лакайлар менен кыргыздардын этногенетикалык жалпылыктары бир катар далилдүү фактылардын негизинде аныкталды (караңыз: лакай этноними – О.К.). Монголдордун кысымы менен Жети-Суу тарапка оогон аргындардын бир бөлүгү XVI к. эл катары калыптанып жаткан казактардын курамына жуурулушту. Жогорудагы маалыматтар жана хакастардагы «аргын» сөөгү бул этнокомпоненттин кыргыздардын курамына VII–ХII кк. кеч эмес киргендигин аныктайт.

«Аргын» этнониминин чечмелениши жөнүндө илим чөйрөсүндө бирдей пикирлер жок. Г.Г.Мусабаев этнонимди монгол тилиндеги «аргуй» – мал багуучу, мал баккандар маанисинде чечмелейт. Н.А.Аристов өз кезегинде этнонимди Алтайдагы «Аргун» дарыясынын аталышы менен байланыштырат. Казак энциклопедиясында аруг (арык) – «таза», «тунук» – гун – «байыркы уруу» деген мааниде түшүндүрмө беришкендиги маалым. Казак илимпозу Д.Жанузаков, А.Н.Кононовдун «аргагун» термининде байыркы «аrgа» – «жамаат, көпчүлүк, топ, абдан көп» деген сөзүнүн негизи жатат деген пикирин колдойт (Жанузаков, 1982, 62–63).

МАҢГЫТ

Мангыт – мунгуш уруусунун курамындагы урук. Маңгыт – Ош облусундагы (Араван району) айылдын аталышы (этнотопоним) катары белгилүү. Оболу, маңгыттар тарыхый жазма булактарда XI к. чектеринде Орхон суусуна жамаатташ жерлерди байырлашып, Кара кытайларга (кара кидандар) көз каранды абалда калышкандыгы баяндалат. Кара кытайлардын кыргыздар менен болгон Түштүк Тувадагы согуштук кагылышуусунан соң, маңгыттар Жунгарияга аргасыз журт которушканы маалым (История Тувы, 1964, Т. 1,144-б.). Фарси тилдүү тарыхчы Рашид ад-Дин мангуттарды (маңгыттар) Чынгысханга баш ийген монгол урууларынын бири катары карайт (Рашид ад-Дин, т. 1, Кн. 2, 184-б.). Айрым изилдөөчүлөр бул уруулук бирикменин Чынгысхандын эң мыкты куралданган, согушчан аскердик бөлүгү болгондугун белгилешет. Монголдордун орто кылымдардагы жазма булагы болгон «Алтан Тобчи» («Купуя тарых») да жогоруда белгиленген маалыматтарды тастыктайт (Волкова, 1973, 77). Ушул учурда тунгус тилдүү эвенктерде – «манги», монголдордун курамында (Кобдос аймагы) «мингат» аттуу уруктар бар экендиги маалым. Мындан сырткары, бүгүнкү монголдордун уруулук курамында «маргыт» аттуу этноним бар экендиги аныкталган. Мангы+т; -т, -д (-ут – уд варианттары менен) мүчөлөрү түрк-монгол тилдеринде көптүк маанини билдирет (Жанузаков, 1982,63). Изилдөөчүлөр тува-мингат жана монгол-мингаттарды XVII к. түрк тилинде сүйлөшкөнүн, ал эми ойрот-калмактар тарабынан Или жана Таласка көчүрүлгөн бул күч-кубаттуу уруунун тили кийинчерээк монголдошкондугун белгилешет (Потапов, 1969, 24–51). Р.Г.Кузеев башкырлардагы миң (миңгат) уруусунун теги байыркы Монголиядагы жана Алтайдагы түрк тилдүү чөйрөгө, тагыраак айтканда, көөнө уйгурларга таандык деген пикирин айтат (Кузеев, 1974, 306–308). Академик О.В.Бартольд өз иликтөөлөрүндө түрк тилдүү элдерден кездешкен (кара калпак, тува, түркмөн, ногой, казак, кыргыз) бул этноним монгол жеңип алууларынан соң кенен таралгандыгына токтолгон (Васильевич, 1970, 31). Арийне, бул байыркы уруунун теги кайсыл тил түркүмүнө таандык экендигин өзгөчө иликтөө зарыл.

Р.Г.Кузеевдин «орто кылым көчмөн доорунда түрк этнонимдеринин монгол, тескерисинче, монгол этнонимдеринин түрк тилдүү чөйрөдө калыптанышы асыресе көрүнүш болгон» деген жүйөлүү пикирине кошулууга болот (Кузеев, 1974, 306).

XIV к. Алтын Ордонун абройлуу төбөлдөрүнөн болгон Нохой ноён негиздеген көчмөндөр улусу орус жана чыгыш мусулман булактарында «маңгыт» деген ат менен чагылдырылат. Аталган улустун алкагында кийинки ногой этносунун этникалык жүзү калыптангандыгы маалым. XVI к. чейин бул улус «маңгыт журту» деп аталып кала берген. «Маңгыт» этнониминин бир эле учурда Монголия, Орто Азия, Түштүк Сибирь, Түндүк Кавказ ж.б. жерлерде эскерилиши XIII к. баш жана орто чендериндеги көчмөн уруулардын массалык миграциясынан соң пайда болгон десек чындыкка шайкеш келери бышык. Бирок аталган этникалык компонент кыргыздардын курамына байыркы түрк доорунда эле кирүүсү мүмкүн.

Манги – тунгус тилдүү элдерде (эвенктер) «аюу», тагыраак айтканда, «аюу» сөзүнүн синоними, экинчи мааниси «ата-баба», «ата-тек» дегенди аныктайт (Васильев 1970, 31). Ушул эле сөз эвенктерде аюу келбеттүү адамды туюнтуп, ата-бабалардын духунун мифологиялык символу, шамандардын башкы колдоочусу катары түшүнүк берген. «Манги» сөзүнүн семантикасы «аюу», «ата-бабалардын руху» маанисин аныктайт (Анисимов, 1991, 200–203). Албетте, этнонимдин мааниси тотемдик жаныбар «аюу» менен байланышканы көрүнүп турат. Тунгус – манжурлардагы шамандар манги уруусунан гана чыккандыгын далилдеген маалыматтар бар. Ушул эле автор бир катар далилдүү фактылардын негизинде мангилердин эң байыркы өз алдынча этникалык топ экендигин алгач тунгус-манжурлардын, андан соң монгол тилдүү уруулардын курамына жуурулушкандыгын белгилейт (аталган эмгек, 34-б.). Демек, мангы (т) этноними кыргыздардын курамына Борбордук Азияда эле келип кирген деген пикир айтууга негиз бар. Этнокомпонент кыргыздардын курамында батыш Монголиядан Энесайга журт которгон мезгилде (VI к.) эле белгилүү болуусу мүмкүн.

УРАНХАЙЛАР

Уранхайлар – тынымсейит уруусунун курамындагы урук. Этнонимдин чыгыш тегин Борбордук Азия менен байланыштыруу зарыл. Уранхайлар деген ат менен тувалар (тубалар), саха – якуттар, Түндүк-Батыш Монголиянын түрк тилдүү этностору белгилүү. Көпчүлүк тарыхый булактар уранхай – байыркы түрк-монгол этникалык чөйрөсүнө таандык этноним экенин далилдейт (Вайнштейн 1961,30). Уранхай (байыркы монгол-Хуранхэй) этнониминин түпкү мааниси «суук аймактын адамы», тагыраак айтканда, «биздин тилди түшүнбөгөндөр» деген маанини аныктайт (Николаев, 1973, 194–195). «Уранхай» терминин якуттардагы «тонг жон» – «биздин тилди түшүнбөгөндөр», «тили буруулар» деген сөздүн калькасы катары кароо зарыл (аталган эмгек, 194–195-бб.).Тарыхта бир этнос экинчи бир этноско ат берген учурлар (экзоэтноним) арбын кездешери маалым. «Алтан Тобчиде» – уранхайлар монголдордун мифологиялык түпкү ата-бабалары менен бир мезгилде эскертет. Рашид ад-Дин уранхайларды эки топко бөлөт: токой уранхайлары жана түздүктөгү уранхайлар. Токой уранхайлары кори, тумат, баргуттарга жакын (Баргуджин Токум – О.К) аймактарды байырлашат. Автор уранхайларды Кыян жана Нөкүстөн таралып, насили моңгол урууларынан эмес экендигин белгилейт (Рашид-ад-Дин, Т. 1, Кн. 1, – с. 156). Демек, ХII–ХIV кк. монголдордо азыркы Монголиядан түндүктө жайгашкан туркий тилдүү элдер, уруулар жалпылыгынан «уранхайлар» деген ат менен белгилүү болгон. Уранхайларда монголдошуу процесси кийинки мезгилдерде тездик менен жүргөндүгүн Н.А.Аристов да белгилеген (Аристов 1894, 345). Ал эми XVIII–XIX кк. тартып, монголдор туваларды гана «уранхай» деп атагандыктары анык (Аристов, 1894, 345). Бул да кеңири тараган. Мисалы, «уранхай» деген урук аталышы буряттардын этнонимиялык системасында беш ирет, Волгалык калмактарда бир ирет кайталанат. Ал эми якуттар салтанаттуу учурларда өздөрүн «урянхай-сахалар» деп аташат. Бул якуттарды байыркы урянкат уруулары менен байланыштырып, бул элдин этногенезиндеги түштүк компонентин айкындайт. С.И.Вайнштейндин пикиринде уранхайлар (болжолу, тувалардын ата-бабалары – О.К) өз алдынча (XIII к. башы) ири уруулук бирикме болгон (Вайнштейн, 1961, 31). Ушул мезгилдерде урянхаттар (уранхайлар) менен монгол урууларынын айрым бөлүктөрү жуурулушкан десе болот. Буга монголдордун курамындагы «урянхай» этноними мисал боло алат (Лебедева, 1958, 224). Көпчүлүк булактарда азыркы жана ага жамаатташ жашаган элдер, уруулар уранхайлар, бул аймак «Уран-хай жергеси» деп аталат (караңыз: Аристов, 1894, 348–349; Вайнштейн,

1961, 31). Уранхай этноними кыргыздардын курамында Х–ХШ кк. кеч эмес кирген десек болот. Анткени байыркы кыргыздар жалпы негизинен «уранхайлар» деп аталган уруулар (бүгүнкү тувалар ж.б. ата-бабалары – О.К) менен узак убакыттар бою жамаатташ, алакалаш жашашканы маалым. Мүмкүн, уранхайлар өз учурунда энесай кыргыздарынын да этностук курамына кирген. Буга кыргыздар менен этногенетикалык жалпылыктарды далилденип келе жаткан сары уйгурлардагы (сарыг югур) «ораңгат»этноними да далил боло алат.

ТАЗДАР

Таздар – бөрү, тастар – черик урууларынын курамындагы уруктар. Этнонимдин биринчи компоненти – таз / тас – чачы жыдып түшкөн адам (ДТС, 543), экинчи мааниси: таз – чачты жыдытып түшүрө турган оорусу бар адам (КГТС, 566). Этнонимдин экинчи компоненти: -дар, -тар – көптүк маанини түшүндүргөн -лар мүчөсүнүн өзгөргөн формалары. Этнонимдин параллели алтайлыктардын (кумандылар) курамында «тастар» формасында бар (Потапов, 1969, 60–61). Кумандылардын санжыраларында тастар уруусу телеуттардан ооп келишип, жуурулушкандыгы баяндалат (Потапов, 1969, 61). Таз // даз // тас// тос формаларындагы уруу-урук аттары казак, башкыр, ногой, өзбек (кыпчак), түркмөндөрдүн курамында бар. Р.Г.Кузеев бул этнонимдин чыгыш тегин байыркы түрк доорундагы Саян-Алтай аймагына байланыштырат (Кузеев, 1974, 355). Таз – орто кылымдардагы кыпчак (Дешт и-Кыпчак) урууларынын курамындагы урук болгондугун орус жылнаамалары чагылдырат.

ЧОТ

Чот – ават уруусунун курамында. Чот – кыргыз тилинде «сабы кетмендикиндей сапталып, отун кесүү үчүн, жаруу үчүн колдонуучу курал» маанисин берет (КТТС, 701). Этнонимдин параллели алтайлыктарда (кумандылар) – чөөты, хакастарда – чода, туваларда – чооду формасында учурайт (Потапов, 1969, 60; Бутанаев, 1990, 65). Хакас санжырасында чода сөөгүн (уругу) 1703-ж. күч менен Жунгарияга көчүрүлгөн кыргыздардын калган бөлүгү катары баяндайт. Хакас -качиндерде чода – хырхыс, чода пүрүт, хакас – кызылдарда чода – хыр-хыс уруктары бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет (Бутанаев, 1990, 65).

В.Я.Бутанаев Түштүк Сибирдин аймагынан көп кездешкен чода-чооты-чооду этнонимдерин өтө байыркы замандагы Түштүк Сибирдеги этностордун субстраты катары карайт (Бутанаев, 1990, 65). Этнонимдин параллели монголдордо «чжат» формасында бар экендиги маалым (Лебедева, 1958, 224). Хакас жана түздүктөгү тувалар тонгу-туваларды ушул мезгилде да «чооты» (чооду) деп аташары белгилүү (Бутанаев, 1990,65). Келтирилген фактылар аталган этнонимдин параллели энесай кыргыздарында да болгондугун ырастады. Бул аталган уруктардын түпкү теги бир экендигин ырастайт.

КАРА ЧОРО

Кара чоро – геноним. Элдик санжыранын маалыматтарында азык, черик, чекир саяк, саяк, багыш уруулары Кара чородон тарашары чагылдырылат. Геноним байыркы мезгилдерден белгилүү жана алгач Таластагы ташка чегерилген кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде (VI–Х  кк.) «Кара чур» формасында (болжолу, антропоним – О.К.) эскерилет. Талас жазууларында баяндалган отуз оглан (отуз уул), Кара чур (Кара Чоро), Агулт (Ак уул) энчилүү аттары (этнонимдери – О .К.), «ынал» титул – термини кыргыздарда гана учурайт. Карачоро ХVI к. жашаган Сайф ад-Дин Аксикенинин «Маджму ат-Таварихинде» Тагай бийдин алты уулунун бири катары баяндалган (МИКК 1973, 208). Профессор Ө.К.Караев «кара» термини түрк тилдүү элдерде (урууларда) «эл», «масса», чур (чоро) – титул, энчилүү атты аныктарын белгилейт (Караев, 1994, 35). Чоро – байыркы түрк тилинде төмөнкү маанилерде туюнткан: 1. Кожоюн, башкаруучу, ээлик атуулу; 2.Союз, биримдик; (Жанузаков, 1982, 163). Демек, «чоро» термининин чечмеленишинин экинчи варианты генеонимдин так маанисин ачып көрсөтөт. «Манас» дастанында «Кырк чоро – Манастын баатырдык кошуну, нөкөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу»деген аныктама берилет («Манас». Энциклопедия. Т.1, 379-б.). Кара чоро генеоними кыргыздарда энесай доорунан эле белгилүү болгон. Кыргыздардын кыштымдарын ан (VI–Х  кк. кыргыздарга салык төлөгөн көз каранды элдер, уруулар «кыштымдар» деп аталган. Бул маселе жөнүндөгү маалыматтар Ю.С.Худяковдун изилдөөлөрүндө кенен берилген – О.К.) болгон шорлордун курамында азыркы учурда «кара чор» аттуу урук сакталып келери аныкталган. Бул шорлордун курамындагы байыркы кыргыз этнокомпоненти болуусу толук мүмкүн. Параллелдери алтайлыктарда (алтай – кенже, теленгиттер) – «чорос» шорлордо – кара чор формасында кездешери маалым (Баскаков, Тощакова, 1947, 217).

       Р.ЖОЛДОШЕВ

CАНЖЫРАЛЫК УЛАМЫШТАРДЫН

КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДАГЫ ЭТНОМАДАНИЙ ПРОБЛЕМАЛАРДЫ ЧЕЧҮҮДӨГҮ МААНИСИ

Бүгүнкү тарых илиминде, өзгөчө этнологдор арасында тарыхый уламыштарды тарых булагы катары пайдалануу, эч кандай илимий талаштарды жаратпайт. Тигил же бул элдин тарыхын тактоодо, уламыштардагы маалыматтарды тарых булагы катары пайдалануу, байыркы мезгилдеги тарыхчылар тарабынан эле колдонулгандыктан, тарыхый изилдөөлөрдө бул көрүнүш традициялык мүнөзгө ээ. Алсак, эң алгачкы грек (Геродот, Страбон ж.б.), рим (Тацит) жана кытай (Сыма Цянь, Бангу ж.б.) тарыхчыларынын эмгектеринен европа жана азия элдери жөнүндөгү уламыштарды кенен пайдаланышкандыктарын көрөбүз. Бул салтты, алардан кийинки араб-перс авторлору (Ибн Хордадбек, ал Истахри, Абу Дулаф, Гардизи, Ибн ал-Асир, ал-Марвази, Рашид ад-Дин ж.б.) андан ары улантышкан. Алар эмгектеринде тарыхый окуяларды жазууда, элдик уламыштарды чебер колдонушкан, айрымдарында кыргыз тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтар кездешет. генеалогиялык уламыштарды тарых булагы катары колдонушкан орто кылымдардагы эмгектердин үлгүсү катары бизге толук жетпей калган, кээ бир окумуштуулардын пикирлери боюнча Улугбекке ыйгарып жүрүшкөн «Тарих-и арба -и улус» («Төрт улустун тарыхы») жана аны кайрадан иштеп чыккан, XV кылымдын акырындагы же XVI кылымдын башында белгисиз автор тарабынан жазылган «Шаджарат ал-атрак» (Турктөрдүн санжырасы») эмгектерин (1), ошондой эле XVII кылымда жашап өткөн Абу-л Гази хандын «Шержере-йи турк» («Түрктөрдүн санжырасы») «Шаджара-йи теракиме» («Түркмөн санжырасы») чыгармаларын (2) белгилесек болот. Бул чыгармалардагы окуяларга көркөмдөөлөр жана элдик фантазиялар канчалык кошулбасын, негизги өзөгүндөгү тарыхый маалыматтар, бүгүнкү күндө баа жеткис тарых булагы катары кызмат кылышат. XVI кылымда тажик тилинде жазылган Сейфи ад-Дин Аксикентинин «Маджму ат-Таварих» («Тарыхтар жыйнагы») (3) эмгегиндеги жана XVIII кылымда 70 -жылдарында жазылып бүткөн « Си юй чжи» («Батыш жерлерди жазуу») (4) кытай булагындагы, ошол мезгилдердеги кыргыздардын айрым генеалогиялык уламыштары, азыркы кыргыз тарыхындагы кээ бир проблемаларды чечүүдө өзгөчө орунду ээлешет.

Генеалогиялык уламыштар өткөндө жазмасы болбогон же алар кеңири эл катмарына тарабаган элдердин этногенезин калыбына келтирүүдө, ошондой эле жазма эстеликтери пайда боло элек мезгилдердеги айрым маселелерди үйрөнүүдө, тарых булактарынын белгилүү тармактары болушкан археологиялык, антропологиялык, лингвистикалык ж.б. булактары менен бир катар деңгээлде эле көрүнүктүү булактардын бири катары кызмат кылат. Дүйнөлүк тарых илиминде тарыхый уламыштарды тарых булагы катары колдонушуп, жаратылган эмгектердин катарына В.Р.Кабонун (5), В.В.Сенкевич-Гудкованын  (6), В.В. Пименовдун  (7), И.Н.Гемоевдин, А.М.Салагаевдин,

А.И.Соловьевдун  (8), Г.У.Эргистин  (9),Б.О.Долгихтин  (10), Г.М.Васильевичтин  (11) ж.б. көптөгөн изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын атасак болот.

Ал эми Борбордук Азиядагы көчмөн моңгол-түрк эл деринин тарыхын реставрациялоодо генеалогиялык улам ыштарды тарыхый булак катары колдонуунун объективдүү зарылчылыктары шартталат. Белгилүү болгондой көчмөн элдердин тарыхы, жазма булактарда стабилдүү кездешпегендиктери, анын негизги себептеринин бири болот. Ошондуктан, кыргыз элине этникалык тектеш элдердин тарыхын изилдөөлөрдө, элдик генеалогиялык уламыштарды булак катары пайдаланып иштешкен, жүздөгөн илимий макалалар, монографиялар жазылган. Алардын ичинен өзүбектер жөнүндөгү Б.Х.Кармышеванын  (12), К.Л.Задыхинанын  (13), К.Ш.Шаниязовдун  (14), каракалпактар жөнүндөгү С.П.Толстовдун (15), Т.А. Жданконун (16), Л.С. Толстованын (17), түркмөндөр боюнча Г.П.Васильеванын (18), казактар боюнча В.В.Востров менен М.С.Мукановдордун (19), башкырлар боюнча Р.Г.Кузеевдин (20), татарлар жөнүндөгү М.И.Ахметряновдун (21), алтайлыктар жана хакастар жөнүндөгү Л.П.Потаповдун (22), В.Я.Бутанаевдин (23), буряттар жөнүндөгү С.П.Балдаевдин (24), Ц.Б. Цыденбаевдин (25), байыркы түрктөр боюнча Ю.А.Зуевдин (26) ж.б.у.с. көп сандаган окумуштуулардын эмгектерин айрыкча белгилөөгө татыктуу.

Жогоруда айтылган ойлордон, тарых илиминде уламыштарды, анын ичинде генеалогиялык уламыштарды тарых булагы катары пайдалануу, өзгөчө элдердин этникалык тарыхын, этногенезин жана этномаданий байланыштарын изилдөөлөрдө кеңири колдонулгандыктарын көрөбүз. Бүгүнкү күндө илимий дискуссия, тарых илиминдеги тигил же бул маселелерди чечүүдө генеалогиялык уламыштарды колдонуунун методдору (ыктары) жана формалары жөнүндө жүрүш керек (27). Алгач уламыштарга окумуштуулар кандай аныктама бергендиктерине токтолсок, В.К.Соколова мындай деп белгилейт: «Уламыштар бул – муундан муунга оозеки түрүндө берилип келген летопис; анын негизги максаты тарыхтагы өтө маанилүү окуяларды жана андагы деталдарды эске сактоо, ага баа берүү»  (28) Уламыштар көбүн эсе элдин, уруулардын басып өткөндөгү тарыхый окуяларын келечек муундарга жеткириш үчүн айтылган жана андагы окуялар реалдуу тарых катары кабыл алынып келген. Ошондуктан уламыштагы окуялардын өзөгү чыныгы турмушка байланышкандыгы – уламыштардын башкы сапаттарынын бири (29). Мындай тарых каражаттарын уламыштарга гана эмес, алтургай тарыхый легендалардан да жолуктурса болот. Айрым изилдөөчүлөр уламыштар менен легендалардан айырмалоону сунушташат. «Легенда-уламыштар сыяктуу эле чындыкка багытталган элдик оозеки, эпикалык кара сөз түрүндөгү аңгеме. Бирок уламыштардан айырмаланып, легендалардын негизги өзөгүндө кадимкидей эмес, укмуштуу окуялар камтылат»  (30).Салыштырмалуу, уламыштарда тарыхый чындык, легендалардагы окуяларга караганда көбүрөөк. Ошондой болсо дагы, айрым мезгилдерде легендаларда да, өтө баалуу тарых маалыматтары жолугат. Мында, тарыхый өзөктү андагы окуялардан бөлүп чыгарууну билүү гана керек (31).

Белгилүү болгондой тарыхый уламыштар илимде өтө кенен областты камтып, ич ара бир канча тармактарга бөлүнүшөт. Атап айтсак, жер-cуу аттарынын тарыхына, тарыхый курулуштарга, инсандарга, элдердин, уруулардын генеалогиясына ж.б. байланышкан уламыштардан турушат. Генеалогиялык уламыштарга тигил же бул урук, уруунун же уруулар тобунун, ал гана эмес бир элдин (этностун) келип чыгышын, алардын тарыхындагы маанилүү тарыхый окуяларды чагылдырышкан элдик уламыштардын түрлөрү кирет.

Кыргыз элинде, өзүлөрүнүн кайдан келип чыгышкандыктарын, басып өткөн тарыхый жолун, уруулардын, уруктардын генеалогиялык билдирүүлөрүн өзүнө камтыган элдик тарыхый билим – «Санжыра» деп аталат. Көпт өгөн изилдөөчүлөр санжыраны генеалогиялык уламыштар катары карашат. Чындыгында, сөздүн тар маанисинде, санжыраны генеалогиялык уламыштар десек да болот. Бирок сөздүн кенен маанисинде, санжыранын толук маңызын генеалогиалык уламыштар деген түшүнүк ачып бере албайт. Себеби санжырада жалаң гана генеалогиялык уламыштар эмес, кыргыз элинин бүткүл оозеки тарыхы чагылдырылган. Анда кыргыздардын жана алардын уруyуруктарынын тарыхы жана байыркы тектери, уурунун бөлүнүш тармактары менен коомдук уюмдары, тарыхый окуялар, белгилүү инсандар жөнүндө маалыматтар, өздөрүнүн жердеген аймактарынын тарыхы, этникалык-маданий байланыштары, тарыхый-саясий окуялар, генеалогиялык таблицалар ж.б. көптөгөн тарыхый түшүнүктөр камтылган. Ошондуктан, биздин көз карашыбызча, санжыраны кыргыздардын оозеки элдик тарыхый билими (народные исторические знания) деп аталышы, түшүнүктүн толук мааниси ачып бермек. Бул жөнүндө белгилүү башкыр тарыхчы Р.Г.Кузеев да «санжыра (шежере) өз убагында ар түрдүүчө: родословие, хроника, уламыш, летопись же тарыхый жазма деп да аталып келген, бирок бул котормолор, анын толук мааниси ачып бере алышпайт»,– деп жазган (32). Ал эми белгилүү кыргыз таануучусу, этнограф С.М. Абрамзон: «Генеалогиялык уламыштар (санжыра) бул элдик билимдердин бүтүндөй бир областы, аны «элдик этногония» деп атаса болот»,– деп белгилейт (33). Изилдөөчүлөр санжыраны таза фольклордук чыгармалардын катарына кошулбай тургандыгын өзгөчө белгилешкен. С.М.Абрамзон: «Көпчүлүк мезгилдерде маңыздуу жана өзүнө мүнөздүү фольклордук «жүктөрдү» боюна камтыса да, баары бир бул уламыштар (шежере, шеджере, санжыра) кабыл алынган түшүнүктө фольклор эмес» –  деп эскерет. Салыштырмалуу элдик этногония деп аталган элдик билимдин бул областы, жалаң гана элдик руханий маданиятынын бир бөлүгү катары гана эмес, өтө баалуу тарыхый-этнографиялык булак катары да, эбактан бери эле изилдөөчүлөрдүн кызыгууларын жаратып келе жатат. Бул албетте, табигый көрүнүш, анткени ар бир эл, уруу жана уруктар дайыма өздөрүнүн жаралыш тегине, башка топтор менен болгон өзүлөрүнүн туугандык байланыштарына ж.б. эзелтен эле кызыгып келишкендиктен, бул багытта көптөгөн кылымдар бою чогултулган жана сакталган өзүлөрүнүн түшүнүктөрү болуп, алар оозеки муундан-муунга айтылып келген. Албетте, маалыматтардын мындай түрлөрүндө тарыхый фактылар менен кошо, бири-биринен ажыратып-айырмалоо изилдөөчүлөрдүн милдети болгон легендарлык, мифологиял ык түшүнүктөрүнүн да аралаша кездешүүлөрү өзүнөн өзү түшүнүктүү көрүнүш. Легендарлуу сюжеттер, белгилүү өлчөмдө, тарыхый фольклор катары каралыштары керек. Бирок элдик этногония боюнча материалдары, айрым мезгилдерде жолугуп жүргөндөй, толук бойдон фольклорго кошуп коюуга эч кандай негиз жок» (34). Ошондой болсо дагы фольклор менен этнографиялык изилдөө базаларынын чектери, көпчүлүк мезгилдерде, шарттуу түрдө бөлүнүшөрүн да эстен чыгарбоо зарыл.

Кыргыз санжырасын элдик тарыхый билим катары кабыл алып, андагы кыргыз элинин, уруу-уруктарынын этникалык тарыхына жана кээ бир тарыхый окуяларга байланышкан, сюжеттүү окуялар менен камтылышкан уламыштарды, салыштырмалуу түрдө гана өз алдынча генеалогиялык уламыштар деп атадык.

Кыргыз генеалогиялык уламыштарын изилдөөлөрдө, дүйнөнүн башка бардык элдеринин уламыштарына тиешелүү жалпылыктар болуу менен бирге, өзүнө гана таандык касиеттердин болушу реалдуу көрүнүш. Кыргыз тарыхы илиминде генеалогиялык уламыштарды изилдеп үйрөнүүнүн методикасы ушу күнгө чейин толугу менен иштелип чыгарыла элек. Ошол себептен, алардагы тарыхый өзөктү алып чыгаруудагы, дүйнөлүк тарых илимдериндеги айрым принциптерине токтолмокчубуз.

Кыргыз элинин генеалогиялык уламыштарындагы башкы сапаттардын бири, алардын тарыхый туруктуулугу болуп эсептелинет. Маселен, кыргыз урууларынын түзүлүшү жөнүндөгү эң алгачкы кагаз бетине түшүрүлгөн тарых булагы катары эсептелинген XVI кылымда жазылган «Маджму-ат-Таварих» эмгегиндеги кыргыз урууларынын тизмеси, XIX–XX кылымдардагы чогултулган кыргыз урууларынын тизмелери менен дээрлик дал келет. Мунун өзү 400 жылдардан ашуун аралыктардагы генеалогиялык уламыштардын уникалдуу туруктуулугунун күбөсү боло алат. Изилдөөчүлөр мындай уламыштардын өтө туруктуулуктарынын традициялык мүнөзгө ээ экендиктерине көңүл бурулуп, өткөн кылымдын орто ченинде белгилүү чыгыш таануучу Ч.Валиханов тарабынан жазылып алынган генеалогиялык уламыштар, бир кылымдан кийин, башкача айтканда, 1950-жылдардын ичинде, эл арасынан эч өзгөрүүлөрсүз жолуккандыктарын баса белгилешкен (34). Генеалогиялык уламыштардагы маалыматтардын өзгөрүүлөргө сейрек учурап, өтө туруктуу сактала тургандыгын, алардагы айрым деталдар да айгинелешет. Алсак, жогорудагы белгиленген XVI кылымда жазылган кол жазмадагы, кыргыздардын легендарлуу ата-бабаларынын ысымдары XIX кылымда Ч.Валиханов, О.Сыдык уулу, Б.Солтоноев ж.б. тарабынан жазылган эмгектерде жана азыркы санжырачылардын айтууларында да аталышарына токтолсок болот (табл.).

Бул жерде аталган кыргыздардын ата-бабаларынын ысымдарынын айрымдары XVI кылымда эле легендалуу аттарга айлангандыктарын эске тутуу менен, алардын азыркы күндөгү санжыраларда да аталыштары, кыргыз генеалогиялык уламыштарынын өзгөрүүлөргө аз учурашып, өтө туруктуу сактала турушкандыктарынын маанилүү күбөсү экендигин көрсөтөт. Мындан көрүнүп тургандай, илимий багытта туура иш алып бара турган болсо, алардагы информациялардын туруктуулуктарынын негизинде өткөн кылымдардагы, ал гана эмес миң жылдардагы тарыхый ядрону жеткиликтүү далилдер менен бөлүп чыгарууга болот.

«Маджму ат таварих» С.М.Абрамзондун эмгегинде Мамбетсадык

Өмүраалы уулу

(97 жашта)

Аман Супатай уулу

(75 жашта)

Анал-хан

Гуз-хан

Арслаг-бий

Арслан-бий

Мары-бий

Шукур-өбий

Сангин-бий

Сара-бий

Домбур

Долон

Ак уул (35)

Угуз-хан

Арслан-бий

Мары-бий

Шукур-бий

Сангин-бий

Сары-бий

Домбур (домбул)

Долон-бий

Акуул (36)

Угуз-хан

Айналик

Арстан-бек

Арстан-бий

Шүкүр-бий

Сангын-бий Сары-бий

Домбул-бий

Долон-бий

Ак уул (37)

Угуз-хан

Аналхик

Арстан-кан Арстан-бий

Шүкүр-бий

Сагын-бий

Сары-бий

Домбул-бий

Долон-бий

Ак уул (38)

Генеалогиялык уламыштарга илимий анализ жасоодо, көпчүлүк маалда, алардын көп катмардуулуктардан тургандыгына өзгөчө көңүл коюлууга тийиш (39). Кыргыздардын мындай уламыштарындагы айрым сюжеттерде же белгилүү бир мотивдеринде, байыркы тарыхый окуялар менен салыштырмалуу кийинки мезгилдердеги болумуштар камыр-жумур болушуп, бир уламышты түзүп калышат. Ал эми бирде мындай катмардуулук бир эле уламышта бир нечеленген катмарлардан турушу мүмкүн. Кыргыз уламыштарына таандык көрүнүш катары, элдин эсинде бекем сакталып калган тарыхый доорду, көпчүлүк уламыштардагы ар түрдүү окуяларга кошуп айтылгандыгы менен (окуялардын контаминацияланыштары) мүнөздүү. Бул сыяктуу тарыхый мезгилдердин катарына «калмак доорун» кошсок болот. Ар кайсы тарыхый доорлордогу окуяларды камтыган генеалогиялык уламыш катары, кыргыздардын легендалуу атасы Тагай бий тууралуу уламыштан мисал келтирсек, мурунку болуп өткөн окуяга кийинки мезгилдеги тарыхый чындык аралашып жатканын көрөбүз. Уламышта,Тагай бий ак үйлүү болуп (кепил катары), Кокондун ханы Эреше ханга баргандыгы айтылат (40). Бул жерде өткөн кылымдардагы окуяга, кийинки замандагы реалдуу Кокон хандыгы байланышып тургандыгын байкоо анча кыйын эмес. Ал эми эски замандагы уламыштар, улам мезгил өткөн сайын өзгөрүүлөргө дуушар болуп, кийинки окуяларга киришип, трансформацияланышып турушкан. Буга мисал, кыргыздардын Бугу уруусунун таралышы жөнүндөгү «Бугу эне» тууралуу уламышты (41) көрсөтө кетсек болот. Бул уламышта элдин байыркы түшүнүктөрүнөн жаралган эски уламыштагы деталдар, салыштырмалуу кийинки тарыхый мезгилге көчүрүлүп келинип, трансформациялангандыгы байкалат.

Ушулар сыяктуу генеалогиялык уламыштардагы көп катмардуулук, аларды иликтөөдө, уламыштардын тарыхый хронологиялык чектерин, ар кайсы тарыхый доорлор менен аралаштырып салат. Муну изилдөөдө окумуштуунун профессионалдуулугу жана өтө кылдаттыгы талап кылынат. Изилдөөчү генеалогиялык уламыштардагы окуяларды анализдөө мезгилинде, андагы катмардуулукка көңүл коюп эски тарыхый окуялардын изин байкоосу, илимий сынга жооп берет. Уламыштардын ичиндеги байыркы өзөктү табууда, андагы эң кийинки мезгилдердеги катмарлардан баштап бөлүп чыгарып, улам андан аркы катмарларды иликтөөнү, адис окумуштуулар сунушташат (42).

Генеалогиялык уламыштар канчалык тарых булагы катары кызмат өтөшсө да, алар оозеки түрүндө айтышып, эл оозунда сакталып келген. Ошондуктан аларда элдик оозеки чыгармачылыгына тиешелүү касиеттер, кандайдыр бир деңгээлде аракет кылышат жана фольклордун мыйзамченемдерине баш ийишет (43). Алар дын ичинен өзгөчө көңүл бурууларды талап кылгандары, фольклордук көркөмдөө каражаттары экендиги, Р.С.Липец менен С.Я.Серовдун макаласында так белгиленген (44). Булар гиперболизация (анын бир көрүнүшү – мультиплизация), генеалогиялык мезгилдештирүүлөр, бир сюжеттин же мотивдин ар түрдүү тарыхый инсандарга байланыштырылышы же, тескерисинче, ар түрдүү сюжеттердин бир тарыхый персонажга жабыштырылышы, а бул болсо сөзсүз түрдө хронологиялык чектердин өзгөрүүлөр үнө, географиялык ареалдардын аралашууларына алып келет» (45). Булардан тышкары дагы, уламыштарга космогоникалык жана этнологиялык түшүнүктөрдөгү фантастикалык персонаждарды киргизүү, аларга тиешелүү белгилүү бир белгилерди кийинки реалдуу тарыхтагы инсандарга жармаштыруу ж.б.у.с. мүнөздүү экендиктери белгиленет. Кыргыз генеалогиялык уламыштарында,бул сыяктуу фольклордук көркөмдөө каражаттары арбын кездешет. Мисалы, генеалогиялык уламыштардагы Санчы сынчы жөнүндөгү мотив (46), кыргыздардын ар кайсы урууларындагы генеалогиялык персонаждарына,алсак, сарбагыш уруусунан хан Кудаянга, Болот бийге, Солто уруусунан Солтонун балдарына, бугу уруусунан Белектин балдарына ж.б. кошулуп айтыла берет. Ал эми жогоруда эскерилген «Бугу эне» уламышындагы мүйүздүү байбиче кайберендин кызы болуп, анан башында мүйүздүн болушу, албетте, фольклордук көркөмдөө каражаттары экендигин көрөбүз. Генеалогиялык уламыштардагы фольклордук көркөмдөө каражаттарын өтө тактык менен ажыратып, андагы тарыхый өзөктү бөлүп чыгаруу тарых изилдөөчүнүн милдети.

Генеалогиялык уламыштарды тарых булагы катары изилдөөчүнүн көңүлгө алуучу, урунтуу маселелеринин бири, генеалогиялык уламыштар менен жазма китептердин бир бирине тийгизген таасири болуу керек. Оозеки айтылган уламыштар, албетте, ар түрдүү жазма адабияттарда белгиленишкен жана жазылган китептердеги маалыматтар кайрадан уламыштарга өз таасирлерин тийгизишкен (47). Кыргыз уламыштарында, өздөрүнүн байыркы теги жөнүндөгү билдирүүлөрдүн көптөгөн варианттарында ислам дининдеги классикалык түшүнүктөрдөн, б.а., Адам ата, Ава энеден таратышат. Бул жерде ислам дининин үстөмдүгү кыргыз элинин аң-сезимине орногондон кийин, ислам окуусунун жана диний китептериндеги маалыматтар оозеки генеалогиялык билдирүүлөргө да таасирин тийгизгендиктери эн сонун көрүнүп турат. Же болбосо, кыргыздар өздөрүнүн легендарлуу бабасы катары Огуз хандын уламыштарында аташкандыктарын белгилесек болот. Жазылган адабияттардын оозеки уламыштарга тийгизген таасири, XX кылымда жазылып алынган айрым генеалогиялык уламыштардан ачык көрүнөт. Аларда тарыхый китептердеги маалыматтар, айрыкча Енисейди байыркы мекен кылып көрсөткөн фактылар көп учурашат. Илимий багытта изилдеген окумуштуунун максаты, бул жерде уламыштагы, китептик таасирдин канчалык деңгээлде аралашкандыгын ачып берүүдө турат.

Оозеки айтылып келген генеалогиялык уламыштар коомдо, негизги эки чоң функцияны аткарып келишкен (48). Биринчиси, уруулук түзүлүштөгү жабык коомдун мүчөлөрү өздөрүнүн коомдогу ордун табыш максатында, генеалогиялык тарыхын, б.а., ата-бабаларынын ким экендиктерин, башка уруу-уруктар менен кандай алакада болушкандыгы ж.б.у.с. аңдап билүү үчүн үйрөнүшкөн. Экинчи функциясы кенен болуп, коомдук идеалогияны аткарган. Мында уруунун же уруктун саясий кызыкчылыктарына элдик генеалогиялык кызмат кылдырууга болгон, тенденциялуу аракеттер жүргүзүлгөн. Өз уруууруктарынын башкалардан артыкчылыктарын көрсөтүү максатында, саясий жетекчилер жана уламыштарды айтуучулар кандайдыр бир тарыхый окуяларды бир жактуу чоңойтуп же кичирейтип, болбосо аларга фольклордогу легендарлык материалдарды аралаштыруу процесстерин жүргү зүшкөн. Мындан тышкары элдик генеалогиялык, айтуучулардын оозунан келечек муундарга жеткирилип турулган.

Ошондуктан уламыштар барган сайын жышылып, экинчи пландагы деталдары түшүрүлүп, элдик традициялык формага ээ болушкан. Алар ар бир доордогу саясий абалда, ошого карата алымча-кошумчалары менен өзгөрүүлөргө туш болушкан. Эгерде, тарыхый бир доордо тарыхый абал өзгөрүлүп коомдук ой жүгүртүү нүн кызыкчылыгына кандайдыр бир генеалогиялык уламыштар дал келбей калышса, алар акырындык менен элдик репертуардан өчүшкөн (49). Ушул себептен, генеалогиялык уламыштар коомдук аң-сезимдин да продуктусу экендиги, изилдөөчүнүн көңүлүнүн чордонунда болушу зарыл, болбосо алардагы маалыматтарды интерпретациялоодо сезилээрлик каталарга жол бериши ык тымал.

Уламыштардагы маалыматтардын, тарыхый реалдуулукту чагылдыруу мезгилдери жөнүндө көптөгөн изилдөөчүлөр тарабынан, негизине алар 200, 300, 500 жылдардагы аралыктарды камтый тургандыктары аныкталган. Бирок айрым мезгилдерде, алар байыркы доорд огу тарых жаңырыктарын да ала жүрө тургандыктарын, ошол эле окумуштуулар белгилешет (50). Кыргыз генеалогиялык уламыштарындагы маалымат-каражаттары, жогоруда көргөзүлгөндөй, алардын тарыхый туруктуулук сапаттарынын негизинде, көрсөтүлгөн мөөнөтт өрдөн көбүрөөк мезгилдерди камтышарын көрөбүз. Ал гана эмес, алардын байыркы катмарларынан миңдеген жылдардагы тарыхый окуялардын айрым деталдарын табууга болот. Кээ бир изилдөөчүлөр, генеалогиялык уламыштарды, шарттуу түрдө, «жогорку» жана «төмөнкү» звенолорго бөлүшөт (51). Кыргыз уламыштарынын жогорку звеносуна беш, алты кылымдан ары көздөй кеткен, легендалуу мүнөздөргө ээ болушкан уламыштарды кошсок болот. Андай уламыштарга кыргыздардын байыркы теги жөнүндөгү «Кырк кыз» уламышы, кыргыздардын легендалуу аталары «Ырыс-Даркан», «Аналхак» ж.б.у.с. уламыштар кирет. Мындай уламыштардагы тарыхый окуялар акырындык менен элдин эcинен унутулуп, фольклордук көркөмдөө каражаттары арбын колдонулуп, элдик интерпретацияга дуушар болушат. Экинчиден, ар кандай тарыхый абалдарда коомдук кызыкчылыктарга карата өзгөртүүлөрдө, көпчүлүк маалдарда дал ушул жогорку звенодогу уламыштарга басым жасалган. Ошондой болсо дагы, мындай генеалогиялык уламыштарга илимий сын менен мамиле жасалып, объективдүү иликтөөлөр жүргүзүлсө, кыргыз тарыхына, айрым бир тарыхый баалуу маалыматтарды беришет. Ал эми кыргыз генеалогиялык уламыштарынын төмөнкү звеносуна, салыштырмалуу анча көп эмес мезгилдердеги, б.а., үч-төрт кылымга чейинки окуяларды чагылдырышкан уламыштарды киргизебиз. Кыргыз элинин бул түрмөгүндөгү уламыштардагы окуялар, тарыхый чындыкка дээрлик жакындап бара тургандыктары менен айырмаланышат (52). Мисалга алсак, кыргыз фольклорунда жаш эпос катары каралып жүргөн «Жаңыл мырза» (53) поэмасынын өзөгүн тарыхый уламыш түзүп, анда XVII кылымдын экинчи жарымындагы тарыхый окуя чагылдырылат. Андагы персонаждардын бири катары Үчүкө баатыр сүрөт төлөт. Ал эми ушул персонаждын уулу Мааматкулу бий жана анын тегерегинде болгон окуялар жөнүндө генеалогиялык уламыштарда кеңири маалыматтар жолугат. Уламыштардагы окуялар жана Мааматкулу бийдин тарыхый инсан экендиги, «Cи юй чжи» кытай тарыхый жазмасынын аркасында далилденет (54). Болбосо тарыхый дарек терде белгилүү болушкан, ошол эле кылымдагы инсандар Эшим хан, Кокум бий жана алардын айланасындагы окуялар жөнүндөгү кыргыз генеалогиялык уламыштарын көрсөтсөк жетиштүү болот. Мындай уламыштар тарых, этнография илимдеринде белгилүү деңгээлдерде булак катары изилдөөлөргө алынып көптөн бери эле окумуштуулардын илимий кызыгууларын жаратып келишкен (55). Ушул багытта, изилдөөчүлөр Р.С.Липец менен С.Я.Серов «Салыштырмалуу анча көп өтпөгөн кылымдардагы окуяларды чагылдырышкан генеалогиялык уламыштардын дээрлик бардыгы, көпчүлүк мезгилдерде реалдуулукка дал келишет, – деп жазышып, аларга Түндүк Кавказ элдеринин, Америкалык индеецтердин жана түрк элдеринин генеалогиялык уламыштарын көрсөтүшкөн (56). Этнолог Л.С.Толстованын пикири боюнча, ушул өңдөнгөн салыштырмалуу кийинки кылымдардагы уламыштар тарых илимине түз, ал эми жогорку звенодогу уламыштар кыйыр түрдөгү тарых булагы катары кызмат кыла алышат (57). Кыргыз генеалогиялык уламыштарында убакыт-мезгилдерди эсептөөнүн ыңгайлуу жолдору бар. Ага «ата муундары» менен эсеп жүргүзсө болот. Изилдөөчүлөр ар бир атанын (муундун) аралыктары, болжолдуу 25–30 жылдарды түзө тургандыгын далилдешкен (58). Мисалы, төрт ата аралыгы (25×4) 100 жылды, беш ата 125 жылдарды түзүшмөкчү. Убакыттын ушундай жол менен эсептелиниши, өзгөчө генеалогиялык уламыштардын төмөнкү звеносунда өтө тактык менен тарыхый мезгилди табууга шарт түзөт.

Генеалогиялык уламыштарды айтуучу информаторлор да, аны угуучулар да алардагы бардык фактыларды бүтүндөй тарыхый чындык катары кабылдап келишкен. Уламыштарга болгон аң-сезим, аларды изилдөөчүлөргө да айрым учурларда өз таасирин тийгизишкен (бүгүнкү күндөгү мезгилдик басма сөздөрдөгү, кыргыз санжырасынын айланасында ар түрдүү талаштарды жаратышкан макалалар көрсөтүлгөн маселенин бир көрүнүшү). Көбүн эсе адис эмес изилдөөчүлөрдүн генеалогиялык уламыштардагы информацияларды толугу менен түздөн-түз тарыхый факты катары сунуштагандыктары, тарых илиминдеги изилдөөчүлөрдүн аларга болгон ишенбөөчүлүкт өрүн пайда кылышат. Себеби андай фактылар тарых илиминдеги жазма, антропологиялык археологиялык ж.б. маалыматтар менен карама-каршы келген учурлары болот. Бирок генеалогиялык уламыштарга карата жасалган, мындай негативдүү мамилелер тарых илиминин булак таануу базасын гана тарытарына эч кандай шек жок  (59). Өзгөчө, байыркы кылымдардан тартып, XIX кылымдын ортосуна чейин тарых булактарына өтө жарды кыргыз тарыхы үчүн бул опурталдуу жаңылыштык болмокчу. Маселе бул жерде, генеалогиялык уламыштарга сын көз менен карап, илимий принциптерди колдонуу аркасында аларды изилдөөдө турат.

Генеалогиялык уламыштардын үстүндө илимий иш алып барууда, негизги методика, ар кыл тарыхый булактарды (жазма-документалдык, археологиялык, антропологиялык, лингвистикалык, ономастикалык ж.б.) салыштырып изилдөө болуш керек. Бул багытта, бирдиктүү методиканы иштеп чыгуу максатында, жогоруда белгиленген көптөгөн авторлордун илимий эмгектеринен тышкары, Советтер Союзунун мезгилинде, борбордук илимий басмалардан «Фольклор жана этнография» (60) сериялуу басылмалары, «Этникалык тарых жана фольклор» (61), «Фольклор жана тарыхый этнография» (62) макалалар жыйнактары жарыкка чыгарылган. Генеалогиялык уламыштардагы маалымат-каражаттарды башка тарыхый булактардагы маалыматтар менен салыштырып изилдөө лөргө методикалык жардам катары илимдин бул багыттарындагы көптөгөн окумуштуулардын эмгектеринин арасында М.Г.Левиндин жана Б.П.Алексеевдердин илимий макалалары менен чыгармаларын белгилесек болот (63).

Жогоруда айтылган ойлорду жыйынтыктап айтканда, биз кайрылган проблема, илимде өз алдынча атайын изилдөөлөрдү талап кыла турган ири маселе. Мурда белгилегендей, кыргыз тарыхында генеалогиялык уламыштарды тарых булагы катары колдонууда, атайын методикалык ыкмалардын иштелип чыгарылбагандыгына байланыштуу, аларды изилдөөлөрдөгү айрым гана принциптерине токтолуп өттүк. Этнологиялык мындай баалуу булакты пайдалануу менен кыргыз тарыхындагы илимий маселелерди чечүүдө адис-изилдөөчүлөр бул негизги принциптерди айланып өтө алышпайт.

Кыргыз генеалогиялык уламыштары өтө бай жана көп кырдуу, бирок көрсөтүлгөндөй кыргыз тарыхын изилдөөдө аларды тарыхый каражат катары пайдалануу иштери али күнгө чейин толугу менен жолго коюла элек. Ошондой болсо дагы, кыргыз элдик тарыхындагы мындай бай материалдар изилдөөчүлөрдөн көз жаздымдарында калышкан эмес. Тарыхта белгилүү болгондой, өткөн кылымдын орто чендеринен, б.а., кыргыз эли Россия империясынын курамына киргенден тартып, кыргыз тарыхын илимий изилдөө иштеринин алгачкы кадамдары башталат. Ошол мезгилде кыргыз жергесине келишкен алгачкы орус ориенталисттери кыргыз элинин дал ушул тарыхый маа лыматтарына көңүл бурушуп, аларды жыйнап-чогултуу иштерине чыйыр ташташкан (64). Кыргыз элинин алгачкы улуттук тарыхчыларынын изилдөөлөрүнүн негизги өзөгү да, элдик генеалогиялык уламыштарды кароодон турушкан (65). Ал эми кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдөөдө генеалогиялык уламыштарды атайын илимий булак катары пайдаланган Н.А.Аристовдун эмгегин  (66) өзгөчө белгилөөгө татыктуу. Көрүнүктүү этнограф С.М.Абрамзон кыргыз тарыхынын бул областында жигердүү эмгектенип, бир нечелеген илимий чыгармаларды жараткандыгы менен элдик оозеки тарыхый билимди тарых булагы катары колдонуудагы илимий-теориялык методиканы байыткан (67). Бүгүнкү күндө, аталган уламыштарды тигил же бул деңгээлде тарых булагы катары илимий иштерине колдонушкан авторлордун катарына А.Сыдыков, Б.Ж.Жамгырчинов, С.И.Ильясов, А.Н.Бернштам, А.Х.Магулан,

К.И.Петров, Я.Р.Винников, Б.Х.Кармышева, О.К.Караев, С.А.Аттокуров, И.Б.Молдобаев, А.М.Мокеев ж.б. көптөгөн окумуштууларды атасак болот.

Кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун калыбына келтирүүдөгү башкы кыйынчылыктардын орчундуусу – тарыхый булактардын тартыштыгы. Андай маалыматтардын сейректигинен улам кыргыз тарыхында ири маселелер ушу күнгө чейин, илимде талаш-тартыштарды жаратып келе жатышат. Алардын арасынан айрымдарын гана көрсөтсөк, алар: кыргыз элинин генезиси, этникалык тарыхы жана калыптануу процесстери, Енисейлик кыргыздар менен этнотарыхый байланыштары болгонбу же жокпу ж.б.у.с. толуп жаткан мисалдарды келтирсек болот.Кыргыз эли өздөрү жөнүндө өзүлөрүнүн тарыхый билимди кийинки муундарга мурасташкан. Кыргыз тарыхын изилдеп үйрөнүүдөгү тарыхый булактардын жетишсиздигинин өзү эле, элдик генеалогиялык уламыштарды тарых илимине пайдалануунун зарылчылдыгын шарттайт. Ал эми мындай этногенетикалык уламыштарды ар түрдүү тарыхый булактардагы маалыматтар менен салыштырып тарыхый изилдөөлөргө колдоно турган болсо, алардын илимий булак таануучулук баалуулугу илимде эчак далилденгендигин жогоруда көрдүк. «Элдик этногониянын илимий мааниси,– деп жазышат белгилүү этнологдор С.М.Абрамзон жана Л.П.Потанов,– өздөрүнүн өткөн тарыхында жазмалары болбогон же жазмага жаңыдан жетишкен элдердин тарыхын изилдөөлөрдө, тарых булагы катары өзгөчө зор … «Мындан тышкары,– деп улантышат, – элдик этногониядагы материалдарды кеңири пайдаланбай туруп этникалаык тарыхты илимий иликтөөгө мүмкүн эместигин бул областтагы изилдөө тажрыйбалары көрсөтүштү»,– дешет ошол эле авторлор (68). Окумуштуулардын ушул пикирлеринен, элдик генеалогиялык уламыштарды булак таануучулук база катары колдонууга кыргыз тарыхы илими канчалык муктаж экендигин байкоого болот.

Кыргыз элинин тарыхын үйрөнүүдө генеалогиялык уламыштар гана эмес, жалпы эле оозеки тарыхый билими келечекте тарыхый баалуу каражат болуп кызмат кыла тургандыгында шек жок. Өзгөчө алар кыргыз элинин этникалык тарыхын, этногенезин жана этномаданий байланыштарын изилдөөдө айрыкча орунду ээлешет.

Колдонулган адабияттар

  1. Бартольд В.В. Сочинения.-М.,1963.-Т.L.-105-106-б; М.,1994.Т.П. – Ч.2. – 141–142-б. Бул эмгектер тууралуу толугураак маалыматттарды караңыз:Сборник материалов, относящихся к истории Золотой орды: Извлечения из персидских сочинений, собранных В.Г. Тизенгаузеном и обработнных С.Л.Волиным и А. А. Ромаскевичем. -М.: Л., 1941.-202-209-б.
  2. Шаджара йи-тюрк (родословное древо тюрков).Сочинения Абу-л-Гази хана Хивинского. Пер. И предис.Г.С.Саблукова.-Казань, 1906: Кононов А.Н.Родословная туркмен. Сочинения Абу-л-Гази жана Хивинского. – М.: – Л.,1958
  3. Сейф ад-дин Аксикенти. Маджму ат-Таварих. Пер., введ. И комн. В.А.Ромадина.-Л., 1963 УИА КЖФ, №1676 (887)
  4. Мокеев А.М. Этапы этнической истории и социальной организации кыргызского народа на Тянь-Шане в XVI – сер.XVIII вв. Изв.АН Респ.Кыргызстан.-1991.-№4.
  5. Кабо В.Р. Происхождение и ранняя история аборигенов Австралии. -М., 1969. Сенкевич-Гудкова В.В.Сказки иокангских саамов как исторический истояник Ученые записки Карельского пединститута.-Т.Ш.-Вып.1.-1956.- 103-106-б.
  6. Пименов В.В. Вепсы:Очерк этнической истории и генезиса культуры.-М., – Л,1965.
  7. Гемуев И.Н., Сагалаев А.М., Соловьев А.И.Легенды и были таежного края.-Новосибирск,1989
  8. Эргис Г.У. Исторические придания и рассказы якутов.-М. – Л., 1960-Ч.1,2. a. Исторической фольклорзвенков.Сказания и предания / Запись текстов, пер. И коммент.Васильевич Г.М.–Л.,1976 11.Мифологические сказки и историческая предания энцев Записи,введен.и коммент.Долгих Б.О. ТИЭЛ.,1996.
  9. Карымышева Б.Х. Очерки исторической южных районов Таджикистана и Узбекистана (по этнографическим данным).-М.,1976.
  10. Задыхина К.Л. Узбеки дельты Аму дарьи.-М.,1952.-Т.1.
  11. Шаниязов К.Ш. Узбеки-карлуки: Ист.-этногр.очерк.-Ташкент,1994; Шаниязов К. Ш.К этнической истории узбекского народа.-Ташкент,1974
  12. Толстов С.П. Древний Хорезм.-М.,1948.
  13. Жданко Т.А. Очерки исторической этнографии каракалпаков. – М., Л., 1950.
  14. Толстова Л.С. Исторические предания Южного Приаралья. -М.,1984.
  15. Васильева Г.П. Туркмены-нахурли (ист.этногр.очерк). – М.1954.
  1. Востров В.В., Муканов М.С. Родоплеменной состав и расселения казахов.-Алма-Ата,1968.
  2. Кузеев Р.Г. Присхождение башкирского народа. Этнический состав, история расселение. – М., 1974.
  3. Ахметэянов М.И. Татарские педжере.- Казань,1991.
  4. Потапов Л.П. Этнический состав и происхождение алтайцев.-Л.,1969.
  5. Бутанаев В.Я., Бутанаева И.И. Чирим тамырлары. Хакасские народные легенды:-Абахан.,1982.
  6. Балдаев С.П. Родословные придания и легенды бурат. В 2-хч.- Улан-Удэ,1970
  1. Цыдендамбаев Ц.Б. Бурятские исторические хроники и родословные.-Улан-Удэ, 1972.
  2. Зуев Ю.А. Древнетюркские генеалогические предания как источник по ранней истории тюрков. Автореф…канд.ист.наук.Алма-Ата. 1967.
  3. Толстова Л.С. Историческая предания Южного Приаралья. 8-б.
    1. Соколова В.К. Русские исторические предания.-М.,1971.-252-б.
  1. Толстова Л.С. Исторические предания Южного Приаралья. -19-б.
  1. Азбелев С.Н. Отношение предание, легенды и сказки к действительности (с точки зрения разграничения жанров) Славянский фольклор и историческая действительность.-М.,1965.-11-13-б.
  2. Толстова Л.С. Исторические предания Южного Приаралья. -19-б.
  1. Кузеев Р.Г. Башкирские пежере.-Уфа,1960.-7-б.
  2. Абрамзон М.С., Потапов Л.П. Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории (на материалы тюркоязычных кочевников) Сов.этнография.-1975.-№628-б.
  3. Абрамзон С.М. Фольклорные мотивы в киргизских преданиях генеалогического цикла. Фольклор и этнография.-155-б.; Абрамзон С.М. Потапов Л.П. Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории (из материале тюркоязычных кочевников).-34-б.
  4. МИКК.-М.,1973.-Вып.1-207-208-б.
  5. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историкокультурные связи. – Фрунзе, 1990. – 37-б.
  6. Кочкор районунан жыйналган материалдар.1992-ж.
  7. Кемин районунан жыйналган материалдар. 1993-ж.
  8. Этническая история и фольклор.-М., 1977;Фольклор и этнография.-Л.,1970:Толстова Л.С. Исторические предания Южного Приаралья.-М.,1984.
  9. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы.-Бишкек. 1993.-1-китеп. – 87-88-б.; Жолдошов Р. Тагай бий тарыхый инсанбы. Мурас.
  • -№2
    1. Ошондо эле. – 103-б.
    2. Толстова Л.С. Исторические предания Южного Приаралья. -23-б.;Ревуненкова Е.В. Фольклорный компонент в «Малайской истории» (Седжарах Мелайю) Фольклор этнография.- Л.,1970.-98-б.
    3. Абрамзон С.М. Потапов Л.П. Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории (на материале тюркоязычных кочевников).-28-б.
    4. Липец Р.С., Серов С.Я Предисловие // Этническая история и фольклор.-М.,1977.-6- б.
    5. Ошондо эле.
    6. УИА КЖФ, № 524; Санчы Сынчы жөнүндө кыргыз санжырасынын көптөгөн варианттарында кездешет; Жолдошов Р. Санчы Сынчы // Ленинчил жаш. – 1990. – 11-окт.
    7. Пименов В.В.Вепсы.Очерки этнической истории и генезиса культуры.-М. – Л.,1965.-126-б.
    8. Грязыевич П.А. К истории возникновения арабской генеалогии // Кит.: Письменные памятники и проблемы истории культуры народов Востока.XIII годичная научная сессия ЛО ИВАН СССР (Доклады и сообщения по арабистике).-М.,1978.- 78-79-б.
    9. Абзелев С.Н. Отношение предания, легенды и сказки к действительности .-11–13-б.б.
    10. Жданко Т.А. Очерки исторической этнография….-125-б.; Абаев В.И.Сармато-Боспорские отношения в отражении нартовских сказаний // СА. -М., 1958.=XXVIII. -54-б; Толстова Л.С Исторические предания Южного Приаралья. -22-б.
    11. Гряневич П.А. К истории возниковнения арабской генеалогии.-79-б, Абрамзон С.М., Потапов Л.П. Народная этногония…-34-б.
    12. Абрамзон С.М., Потапов Л.П. Народная этногония.., – 34-б.
    13. Жаңыл мырза. – Фрунзе, 1958.
    14. Абрамзон С.М. Народные предания как источник для изучения этнической истории кыргызов Центрального Тянь-Шане / Этническая история и народов Азии.- М., 1972.-71-80-б.
    15. Ошондо эле.- 69–72-б.
    16. Лпец Р.С., Серов С.Я. Предисловие //Этническая история и фольклор. – 3-б.
    17. Толстова Л.С. Исторические предания Южного Приаралья. -26-б.
    18. Ошондо эле.- 23-б.
    19. Этническая история и фольклор. -М., 1977. – 5-6-б.
    20. Фольклор и этнография.Обряды и обрядовый фольклор.- Л..1974 ; Фольклор и этнография Свиязи фольклора с древними представлениями и обрядами – Л., 1977.
    21. Этническая история и фольклор. – М., 1977.
    22. Фольклор историческая этнография. – М., 1983.
    23. Левин М.Г. Этнографические и антропологические материалы как исторический источник (К методологии изучения истории бесписьменных народов).-СЭ.- 1961.-№1; Алесеев В.П. Происхождения народов кавказа (Краниологические исследование).- М.1974; Флексеев В.П. Этногенетические предания, лингвистические данные, антропологический материал // Этническая история.– 9-22-б.б.
    24. Левишин А.И. Венюков М.И., Ч.Ч.,Голубаев А.Ф.Бардашев И.А.,Загряжский Г.С.,Радлов В.В.,Ситняковский Н.Ф. ж.б.у.с.изилдөөчүлөр.
    25. Сыдыков (Кыдык) уулу О., Солтоноев Б., Мухаммед-Кыпчаки, Ыбырайымов А. ж.б.у.с.
    26. Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава киргизказаков большой орды и кара-киргизов // Живая старина.- СПб.,
    27. – Вып.III-IV/
  1. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историкокультурные связи.
  2. Абрамзон С.М.,Потапов Л.П. Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории. – 29–30.

                                            Т.ЧОРОТЕГИН

МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮБҮЗДҮН ТАРЫХЫЙ БАШАТЫНА САРЕСЕП САЛУУ

Алгы сөз

Адатта, «биз ким элек, ким болдук» деген суроону кыргыз зыялылары ар кандай мааракелерге таяп берип калышат эмеспи. Ал эми пост-советтик эгемендик доорунун он жылдан өтүп калышы менен байланыштуу бул суроо улам байма-бай берилип, өткөн Совет Бирдигинин калкка бак-таалай алып келгендигине, бирок учурунда анын кутун байкабай калгандыктарына ичи тызылдап, далай замандашыбыз жүрөт. Дагы бирлери эмитеден эле мамлекеттик эгемендиктен баш тартып, улуу Орусияга кайрадан ыктоо тууралуу долбоорлору менен алек. Алардын асан-кайгы чеккен көйгөйү «эми буга чейин өз алдынча мамлекет дегенди көз көрүп, кулак укпаган жаныбыздын шору катат ко» деген суроо. Дал ошондой жагдайда алар улуттук маданиятка, тилге, тарыхка кайдыгер карап, көрпенделик кызыкчылыктарына гана жетеленип калышат көрүнбөйбү.

Ал эми тарыхтын көөнө барагын аңтарып, «элибиз ким эле, кандайча өнүктү» деген суроого кылчаюу – урпактар алдындагы парызыбыз эмей эмне. Бул жаатта эгемендик доору он жылдын ичинде арбын иштерди бүткөрүүгө мүмкүндүк ыроолоду. Саясатчылар Кыргызстандын эл аралык уюмдарга (Бириккен Улуттар Уюмуна, Дүйнөлүк Соода Уюмуна жана башкаларга) мүчөлүккө киришин, эл аралык карым-катнаштарды теңата деңгээлде чыңдоону жүзөгө ашырып, өлкөнүн ичинде – өкмөткө жана оппозицияга бөлүнүп алып, демократиячыл багыттын арканын ары-бери чоюп, ит жыгылыш боло тарткылап жаткан маалда, жазуучулар, философтор, санжырачылар, публицисттер кыргыз тарыхчыларынан алда канча жигердүүрөөк шымалана иш алып барып, көөнө» маданиятыбыздын башатынын терең тарыхый тамыры бар экенин сеймедирлеп айтып жатышты.

Тарыхчыларга келсек, бир чети эгемендик доорунун эң мыкты жетишкендигин – цензуранын жоюлушун эби менен пайдаланышты. Экинчи чети, орусиячыл, коммунистчил жана эгеменчил, анти-коммунистчил жана башка маанайлары менен тарыхчылар өзгөчө жиктелүүгө дуушарланышты.

Мунун натыйжасында кыргыз элинин жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча алардын жазып чыккан жоболору бири-биринен асман менен жердей айырмалуу болуп калды. Биринин сөзүн тыңдасаңыз, совет доорунда жазгандарын үстүрт гана жылмалап, эски сөзүн таңуулагысы бар. Экинчиси – таптакыр жаңы жоболорду калайыкка жеткире албай убара. Дал ушул экинчи топко 1989-жылы 3-июнда өз коомун түзгөн Кыргызстан Жаш тарыхчылар жамаатынын (1995-жылдан кийин – тек гана Кыргызстан тарыхчылар коомунун) жигердүү мүчөлөрү кирет. Алар кыргыз элинин жана мамлекетинин тарыхый башатын тээ хуннулар доору менен байланыштырып, ал эми орто кылымдардагы жана жаңы доордогу Караханийлер, Моголстан, Кокон хандыгы сыяктуу мамлекеттерди эч качан жерибөөгө чакырып келишет. Орусиянын оторчулук өкүмүнө каршы улуттук-боштондук кыймылды да алар мурдагыдай орус бийлигине апологетикалык (актоочу) өңүттөн эмес, объективдүү таразасына салып иликтешүүдө.

Ушул саптардын ээси да тарыхчылардын жаңы муунуна тилектеш болуп, алар менен чогуу мээнет кылууга далаалаттанып келет. Албетте, устаттарым Анварбек Хасанов, Бөрү Ахмедов, Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Юлий Худяков, Астай Бутанаев, Имель Молдобаев, Мидил Жамгырчинов, Сабыр Аттокуров, Сейне Искенова, Какен Мамбеталиева, Закир Эралиев, Анварбек Мокеев, өз кеңешин аябаган Булат Көмеков, Анас Халидов, Решат Генч, Исенбике Тоган, Йусуф Халачогду, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Ташын Кененсариев, Дилорам Юсупова, Меруерт Абусейитова сыяктуу нечендеген агай-эжейлердин кесиптик жардамдарысыз «жоктон бар болбойт» элек. Жогоруда учкай белгиленгендей, акын-жазуучулар жана драматургдар, алардын ичинде Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Козубеков, Казат Акматов, Эсенбек Медербеков, Качкынбай Oсмоналиев, Асанбек Стам ов, Султан Раев жана башкалар элибиздин рухий көрөңгөсүн тарыхый темаларга, тарыхый инсандарга кайрылуу аркылуу ого бетер даңазалап, тарыхчы жаштарга кыйыр сабагын беришти.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатына байланыштуу сунуш кылынчу мындан аркы маалыматыбыз дал ушундай тарыхый жаңыруу кырдаалында жаралган. Мындагы ар кыл ойлор, жоболор бир нече окуу китепке, ар кыл энциклопедиялык жыйнакка, мезгилдүү басма сөзгө чыкканына карабастан, дагы эле окурмандардын улам жаңы толкуну үчүн анча терең тааныш эмес. Мында биз өзүбүз белекке бергенден кийин да ал китебибизди окууга мойну жар бербеген айрым замандашыбыз жөнүндө эмес, мурдагыдай арзан жана көп нускалуу китептерге жолуга албаган, бирок элинин тарыхын терең билүүгө, рухий маалыматка суусаганы суусаган миңдеген элеттик китепкөйлөр тууралуу айтып жатабыз.

Алардын девизин тээ бир кезде Абу Абдулла Рудаки (860–941) жазып кеткен эмеспи:

«O, Рудаки! Таян рухка, айрымдардан бийигирээк   жашагын,

Эс-дилиңди жаркыта көр, даанышмандай өмүр кечип   жашагын!

Начар санап бир өзүңдү, бөлөктөрдүн жолу төтө дей көрбө,

Көп дүйнөдө опаалыктар, бирок куттуу көз ирмем бар, жашагын!»

(Орусчадан которулду)

Ал эми айтылуу тарыхчыбыз Осмонаалы Сыдык уулу (1875–1940) «жүрөгүндө оту барлар» үчүн тарыхты билүүнүн зарыл экенин белгилеген эмеспи. Бул от – алиги Рудаки даңазалаган рухий байлык эмей эмне. Дал ушул байлык кезегинде Махмуд Хусейин уулу Кашгарини (Барсканини) жер кездиртип, түрк калктары тууралуу энциклопедиялык жыйнакты – «Дивану лугат ат түрк» эмгегин (1072–1077) жаздырткан эмеспи.

ОРТОК ДА БАБА БОЛОТ

Көчмөндөр цивилизациясынын Ички Азиядагы бир вариантын негиздөөчүлөрдүн бири катары түрк элдерин, алардын ичинде кыргыздардын ата-бабасын көрсөтө алабыз. Эми цивилизациянын башкы белгилеринин бири катары айрыкча таразаланчу жагдай – мамлекеттүүлүк тууралуу сөз козгойлу. Көчмөндөрдүн прото-мамлекеттери тээ б.з.ч. экинчи миң жылдыкта эле пайда боло берген. Бирок түрк элдерине түздөн-түз байланыштырылган мамлекет тууралуу азырынча б.з.ч. биринчи миң жылдыктын алкагында гана кеп кыла алабыз.

Байыркы кыргыздардын жана аларга ширелишкен башка калктардын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жалаң гана бүгүнкү Кыргызстан менен байланыштуу болгон деп айтууга эч мүмкүн эмес. Тарыхы терең тамырдаган башка калктардай эле, кыргыздардын этно-саясий тарыхы да өтө кеңири аймакты өзүнө камтыйт жана нечендеген кыргыз эмес элдердин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Бул калктар өздөрүнүн расалык белгилери боюнча да айырмаланышкан. Ошондуктан, мындан эки миң жыл илгерки кыргыздар менен алардын тарыхый коңшуларын бир беткей гана монголоид (монгол сымал) же европа сымал расага чегере салууга мүмкүн эмес.

Түрк калктарынын орток тарыхый бабалары – Борбордук жана Ички Азияны мекендеген хуннулар эле. Хуннулар Борбордук Азиянын көчмөндөр цивилизациясын негиздеген башкы калктардын бири. Алар жалпы түрк элдеринин алгачкы тарыхый мамлекеттүүлүгүн негиздеген. Хунну маданияты, салт-санаасы, социалдык-саясий тажрыйбасы дээрлик бардык түрк урууларына жана алардын тарыхый коңшуларына өз таасирин тийгизген. Б.з.ч. VI к. тартып алар Байыркы Кытайдын Хуанхэ – Сары дарыясынан түндүк-батышта жайгашкан. Хуннулардын түндүк-батышында кыргыздардын ата-бабасы орун-очок алып жашаган. Б.з.ч. 1 миңинчи жылдыктын ортосунда бардык прототүрк уруулары алгачкы жамааттык түзүлүштүн ыдыроосунун шартында жашашкан.

Хуннулардын чыгыштагы коңшулары – дунху уруу бирикмеси болгон (алар монгол тилдүү калктардын тарыхый бабалары катары каралууда). Хуннулардын батышындагы коңшулары – йүэчжи уруулары эле. Йүэчжилерди индиевропа тилдеринде сүйлөгөн эң чыгышка жеткен уруул ар катары белгилешүүдө.

Түштүк жана түштүк-чыгыш жагынан хуннулар байыркы кытайлык цивилизация очоктору менен чектешкен.

Байыркы кытайлык «Ырлар китеби» деген жыйнакта

б.з.ч. 822-жылга таандык бир окуя төмөнкү ырда чагылдырылып киргизилген:

«Алтынчы айда, Жадыраган жаз күнүнүн таңында,

Жоо-жарагы, күл азыгы артылган Арабалар тизилишип каз-катар, Жүрүп жатты чоң казатка камылга…

Ал анткени күтүүсүздөн чачып каар,

Басып кирди түндүк жактан хуннулар…»

Б.з.ч. IV к. тартып хуннулар Кытайдын чакан падышачылыктарынын коңшусу катары тарыхый жылнаамаларда тез-тез сөзгө алынган. Андан кийинки кылымда хуннулардын түндүк-батыштан бул падышалыктарга кол салуулары өзгөчө күчөгөн.

ЦИВИЛИЗАЦИЯ ДУБАЛ АРТЫНА ЖАШЫНА АЛАБЫ?

Б.з.ч. 228–221-жж. Кытайды бирдиктүү дөөлөт катары курууга жетишкен Цинь Шихуан (б.з.ч. 210-ж. өлгөн) азыркы Ички Монголияны, Иньшань жана Ордосту жердеген хуннуларга каршы согуш ачкан. Дал ушул императордун тушунда хуннулардын чапкындарынан коргонуу үчүн өлкөнүн түндүк чек араларын бойлото Улуу Кытай дубалынын курулушу башталган. 4 миң чакырымга созулган жана бийиктиги 10 м болгон бул тарыхый курулуш айрым чөлкөмдөрдө улам бузулуп, кийинки бүткүл кытайлык сулале (Хань династиясы) маалында улам кайра жаңыланган.

Бул чептер системасы согуштук гана мааниде болбостон, кытайлардын отурукташкан маданияты менен түндүктөгү көчмөндөр маданиятынын өз ара соода, чарбалык, маданий алакаларынын күбөсү да болгон. (Кызык бир нерсе тууралуу кыстара кетели. 2001-жылы Оскар сыйлыгын алган тайвандык көркөм тасма «Комдоно жылган жолборс, жашырынган ажыдаар» деп аталат. Мында Улуу Кытай дубалынын түндүк-батышынан кербендерге кол салган эркин көчмөндөр жалпылаштырылып берилиптир да, алардын арасында ат ойноткон ак калпакчан жигиттер да жүрөт. Тарыхый датасы белгисиз бул азыркынын уламышы, негизинен, өтмүштүн турмуштук чындыгын көркөм чагылдыра алгандай туюлат). Отурукташкан цивилизация менен көчмөндөрдүн алакасы Улуу Кытай дубалын бойлой да, аны кесип да, ага таптакыр чектелбей да улантыла берди.

ХУННУ КЕМЕНГЕРИ МОДЭ

Кытайдын байыркы тарыхый булактары маалымдаган аты белгилүү эң алгачкы хунну өкүмдары – Түмөн-шанүй эле. «Шанүй» термини аркылуу хуннулардын падышалык титулу берилген. Б.з.ч. III кылымдын акыркы чейрегинде бийлеген Түмөн-шанүй б.з.ч. 215-ж. Цинь кошуундарынан жеңилүүгө учурайт. Алсыраган хуннулардын падышасынын улуу уулу Модэ болчу (Маодун деп да айтылат; түркиялык китептерде аны «Мете» деп жазышат; «Азаттык» үналгысынын Мюнхендеги ордосунда 1953-жылдан пенсияга чыккыча (1984) иштеген маркум Төлөмүш Жакып уулунун бир небересинин ысымы бул баатыр өкүмдардын урматына «Мете хан» деп коюлган экен). Баралына жетип калган Модэ дал ошол кезеңде йүэчжилердин талабы менен бул батыштагы жоолорунун ордосуна аманатка (саясий барымта катары) берилет.

Кийинчерээк Түмөн-шанүй йүэчжилерге кол салганда, Модэ аман-эсен качып эл-жерине келет. Атасы бөлүп берген кошуунду мыктылап машыктырып, акыры аларга таянып, Модэ козголоң чыгарат. Өз атасын аң уулоо учурунда таламакейге алдырып өлтүрүп, б.з.ч. 209-ж. тактыны ээлеп алат да, Модэ-шанүй чачылган хунну жерлерин бириктирүүгө, улам жаңы жерлерди басып алууга киришет. Оболу Түштүк Манчжурия жана Чоң Хинган тоолорунда көчүп-конуп жашаган дунхуларга кол салып, алардын аскерин ойрон кылып, өлкөсүн багындырат.

«Манас» дастаны, кайсы бир деңгээлде дал ушул Модэшанүйдүн даңазалуу жортуулдарын өзүнө чагылдырган болуусу толук ыктымал. Себеби байыркы кыргыздар хуннулар менен саясий ынтымак түзүп, алардын айрым урууларын өздөрүнө жуурулуштуруп алган соң, бара-бара алардын тарыхый өтмүшүн да энчилеп, өзүнүн улуттук дастанына кошуп алганын боолголоого болот. «Көр Оглу» деген борбордук азиялык түрк дастанынын казак, каракалпак, өзбек, тажик жана башка элдерде кеңири айтылып калган учуру менен да салыштырып көрүңүз. Дегинкиси, «Манас» дастанын сөзсүз эле бир кылымга же миң жылдыкка чегерип, тарыхый башатын жасалма азайтуу ылайыксыздай.

Эми кайра Модэнин жортуулдарын баяндоого өтөлү. Хуннулар алсызыраак учурда Ордостун батышындагы Хэси аттуу тарыхый аймактан чыгышка жылып, Түндүк Кытайдагы Алашань чөлүнө чейин жиреп келген йүэчжилерди Модэ-шанүй кайрадан батышка сүргөн. Б.з.ч. 204–205-жж. Модэ-шанүй тангуттардын ата-теги болгон лэу-фань жана баянь урууларын Ордос жергесинде өзүнө каратат да, Кытайды көздөй алгачкы жортуулун жасайт.

Б.з.ч. 203–201-жж. хуннулар түндүк жана түндүк-батыш аймактарга жортуулдарын уланткан. Түндүк-Батыш Монголия жана Саян-Алтай аймагында жашаган хуньюй, күйеше, динлин сыяктуу, Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк бетинде жашаган кыргыздар сыяктуу байыркы түрк элдери дал ошол жортуул маалында хуннулардын ири дөөлөтүнө багындырылган.

КЫРГЫЗДЫН ЭЛДИК АТЫНЫН АЛГАЧКЫ ЭСКЕРИЛИШИ

Кытайлык ак сарай тарыхчыларынын дал ушул маалыматын кийинчерээк «кытай тарыхынын атасы» Сыма Цянь (б.з.ч. 145-жылы же 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн) өзүнүн «Ши цзи» аттуу китебине кир гизген.

Айтмакчы, б.з.ч. 201-жылы алгачкы ирет «кыргыз» этнониминин эскерилиши – кыргыз тарыхы үчүн өтө олуттуу окуя. Бир кездеги Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү, азыркы тапта Лондондо эмгектенип жаткан тарыхчы Арслан Койчуев өзгөчө илимий жыйынды уюштуруп, бул датаны маараке катары белгилөө сунушун мындан он чакты жыл илгери эле козгогону эсимде. Географ аксакалыбыз Садыбакас Өмүрзаков да ушундай эле демилгени айтып чыккан. Би-Би-Сиде Кыргыз кызматы 1999–2000-жылдары бул датага арнап, бир нече берүүнү уюштурду. 2001-жылы гана бул датаны Кыргызстандагы расмий чөйрөлөр өлкөнүн эгемендигинин он жылдыгы менен эриш-аркак белгилөөнү туура көрүштү (календарды так эсептегенде, иш жүзүндө быйыл 2201 жылдан саал ашып түштү). Арийне, «ийгиликтин эртекечи жок эмеспи» – деп, ушуга канаат кылып туралы.

КЫТАЙДЫН ХУННУЛАРГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫГЫ

Б.з.ч. 200-ж.кышында хуннулар жаңы түптөлүп жаткан Хань сулалесинин аймагына жиреп киришти. Шаньси вилайетинин маанилүү шаары Цзиньянга чейин дээрлик 250 чакырым сүңгүп келишти. Бул вилайеттеги Пинчэн шаарынын жанында Байдэн тоосунда кытайлык тандамалуу аскерлер буктурмада калды. Алардын арасында Хань императору Гаоцзу (тактыга келгенге чейинки ысымы – Лю Бан) өзү да бар эле. Гао-цзу өзүн чоң намыска жыккан бул камалоодон соң хуннулар менен өзү үчүн оор шарттагы тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болду. Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин б.з.ч. 198-ж. эки өлкөнүн ортосунда «тынчтык менен тууганчылыкка негизделген келишим» («хэ цинь юэ») түзүлүп, анын негизинде дээрлик алтымыш жылдай Хань сулалеси хуннулардын мамлекетине алык-салык төлөп, көз каранды болуп турган. Жыл сайын келишимге ылайык жибек түрмөктөрү, шарап, күрүч жана башка дүр-дүйүм хуннуларга салык иретинде жиберилип турду (аларды кытайлык сарай тарыхчылары «белек» деген ат менен гана каттоого алып турушкан).

Гао-цзу өз кызын Модэ-шанүйгө токолдукка берүүгө милдеттенген, бирок кызынын ордуна ал карапайым үйбүлөдөн бир кызды жөнөтүп жиберген делет кытайлык жылнаамаларда.

ТОХАРЛАРДЫН ТАЛКАЛАНЫШЫ

Улуу Хунну мамлекетин негиздеген Модэ-шанүй б.з.ч. 174-ж. каза болгон. Анын ордуна уулу Гийүй тактыга оту руп, Лаошань-шанүй ысымын алган. Б.з.ч. 174–161-жж. бийлик жүргүзгөн бул таланттуу мамлекет башчы атасынын саясатын уланткан. Модэ-шанүй толук жүзөгө ашыра албаган ишти – батыштагы йүэчжи мамлекетин талкалоону өзүнө милдет тагып, Лаошань-шанүй б.з.ч. 174–165-жж. аралыгында чечүүчү салгылашууларды жүргүзөт. Уруштардын биринде курман болгон йүэчжи өкүмдары Кидолунун баш сөөгүн Лаошанъ шанүй суусундук үчүн идиш кылып алган. Ганьсу аймагынан талкаланып, улам батышка сүрүлүп, йүэчжилердин оодук бөлүгү – «чоң йүэчжилер» Чыгыш Түркстанга келген. Мындан да сүрүлүп, б.з.ч. II  к. ортосунда Аму дарыянын өрөөнүнө жеткен чоң йүэчжилер б.з.ч. 129-ж. Грек-Бактрия падышалыгын толугу менен талкалап, өздөрүнүн Кушан мамлекетин негиздеген. Калган-каткан бөлүгү («кичи йүэч-жилер») Ички Азияда жана Чыгыш Түркстанда кала беришкен. Кытай тилинде йүэчжи аталган бул эл өздөрүн «тохар» деп аташкан. Йүэчжилерди талкалоодо хуннулардын таасирдүү ынтымакташы – усундар болгон.

У-ДИНИН ДАҢАЗАЛУУ ТЫҢЧЫСЫ

Б.з.ч. 140–87-жж.кытайлык тактыда отурган император У-ди (Вути) Хань мамлекетинде кайрадан борбордошкон кубаттуу бийликти калыбына келтирген. Анын тушунда хунну мамлекетинин күч-кубаты таасирдүү сындырылган. У-ди «варварларды башка варварлардын колу менен жеңүү» («и и чжи и») усулун пайдаланууну көздөп, батышка – кытайлыктар үчүн белгисиз аймакка сүрүлгөн йүэчжилерди табуу жана аларды хуннуларга каршы шыкактоо максатында ордо кароолунун офицери

Чжан Цянды тыңчылык сапарга аттандырган (б.з.ч. 138-ж.). Хуннуларга он жылдай сыйлуу туткун болуп калган Чжан Цзян б.з.ч. 128-ж. алардан батышка качып, усундардын азыркы Жети-Сууну, Түндүк Кыргызстанды, айрым чыгыш түркстандык аймактарды камтыган өлкөсүнө келет. Андан соң Давань, Кангүй, Кушань мамлекеттерине келген. Тохарлар Орто Азиянын түштүгүн, ганстандын түн дүгүн ээлеп, Бактрияны каратып, өздөрү үчүн дурус турмуш өткөрүп жаткандыктан, кытайлыктар менен антихунулук ынтымак түзүүнү каалаган эмес. Б.з.ч. 126-ж. Чжан Цзян Кытайга кайтып келген. Анын элчилиги саясий жактан майнапсыз аяктаса да, илимий-географиялык жана соода-экономикалык жактан Кытайга Батыш дүйнөсүнүн дарбазасын ачкандай эле болгон. Анын саякаты ар кандай согуштарга карабай калыптанып жаткан Чыгыш менен Батыштын соода жана маданий алак а лары нын жолунун – «Улуу Жибек жолунун» башаты болду.

АРСТАН МЕНЕН АЖЫДААРДЫН КАРМАШЫ

Үчүнчү улуу шанүй Гүнчэн (б.з.ч. 161–126-жж. бийлеген) өлгөндөн кийин хунну ордосунда такты талашуу жүрдү. Акыры Ичисе-шанүй ордо биримдигин калыбына келтирди. Бирок жалпы стратегиялык демилге Хань сулалесине көчүп, б.з.ч. 23–124-жж. тартып согуш майданы мурдагыдай кытайлык аймактарга эмес, түздөн-түз хуннулардын ата мекенине көчкөн.

Б.з.ч. 119-ж. кытайлыктар чыгыш хуннуларын Иньшандан азыркы Халханы (Түндүк Монголияны) көздөй сүрүшкөн. Жалпысынан, б.з.ч. II к. соңку чейрегинде хунну мамлекетинин гүлдөп-өсүү доору аяктап, саясий төмөндөө жана улуттук бытырандылык доору өз эшигин ачкан. Ички азиялык арстан менен ыраакы чыгыштык ажыдаардын өз ара согушу Хуанхэнин кожоюндарынын пайдасына оой баштады.

КЛАССИКАЛЫК КӨЧМӨНДҮК КООМ

Хуннулардын коому эрте таптык (салыштырмалуу айтканда – эрте феодалдык) мамилелери менен мүнөздөлгөн. Модэ-шанүйдүн тушунда хойань, лань, сүйбү деген үч хун ну уруусу башка хунну урууларынын ичинен саясий таасири боюнча айырмаланып турушкан. Шанүйдүн өзү болсо лүаньди уруусунан чыккан. Хуннулар оң канат, сол канат болуп ажырымдалган. Оң канат бектер батышта жашап, йүэчжи сыяктуу элдер менен чектешкен. Сол канат бектер алардын чыгыш аймактарын тейлеген. Мындай дуалдык (экилтик) башкаруу системасын кийинчерээк кыргыздар жана башка түрк калктары өздөштүрүшкөн. Хуннулардан калган дагы бир ырасым – өлкөнүн 24 аким (уруу башчылары жана аймак төбөлдөрү) аркылуу башкарылышы болгон.

Кытай тарыхчысы Фань Е жазып калтыргандай, бул акимдердин ичинен өтө жогору мартабалуусу «төрт мүйүз» деп аталган төрт аким эле. Алардын мартабасы төмөнкүдөй тепкичти түзгөн: эң кадыр-барктуусу – оң канаттагы сянь-ван, андан соң оң канат лули-ван, андан кийин сол канат сянь-ван, анан  сол канат лули-ван (мындагы кытайлык «ван» сөзү «бек» маанисин туюндурат).

Хуннулар түзгөн аскердик-феодалдык башкаруу систем асы Борбордук жана Ички Азиядагы кийинки көчмөн мамлекеттер тарабынан да өздөштүрүлгөн.

КӨК. ТЕҢИРЧИЛИК. МУРАСТУУЛУК

Хунну мамлекетинин башчысы өзүнө тек гана «шанүй» титулун албастан, бул мамлекет кубаттуу болгондон тартып «теңир куту» деген эпитетти да кошуп айттыра баштаган. Модэ-шанүйдүн б.з.ч. 176-ж., анын уулу жана мураскери Лаошань-шанүйдүн б.з.ч. 166-ж. Кытайдын Хань сулалесинин императоруна жөнөткөн каттарында ушул титулдун мааниси кытайчага которулуп берилген: «Көк дайындаган улуу хунну шанүйү…» (Модэ шанүй тууралуу), «Көк менен Жерден туулган, Күн менен Айдан дайындалган улуу хунну шанүйү…» (Лаошань-шанүй тууралуу).

Кытайлык текстте которулуп берилген «Көк дайындаган» деген сөз айкашы байыркы түркчө (хуннуча) «Теңир куту» деген терминдин сөзмө-сөз котормосу болуп эсептелет. Орто кылымдарда орхондук түрк кагандары да өздөрүн «Теңирде болмыш каган» деп аташкан. Кыргыздар да «теңир жалгагыр» сыяктуу сөздөрү аркылуу байыркы хуннулардын жана башка түрк калктарынын теңирчилик ишениминин издерин соңку доорлорго чейин чагылдырып келишти. Теңирчилик ишеними хунну шанүйүнүн жеке бийлигин чыңдоого ыңгайлуу болгон түрк пантеонунун башкы бөлүгү эле. Теңирден башка да хуннулар Күнгө, Айга, жылдыздарга, Жерге, ата-бабасынын арбактарына сыйынышкан. Хунну төбөлдөрүнүн жалпы курултайы учурунда кудайларга курмандыктар чалынган. Хуннулар тиги дүйнөнүн бар экендиктерине да ишенишкен.

Хунну бийлик эгеси мамлекеттин кубаттуу учурунда абсолюттук деңгээлге жакындаган жеке бийликке ээ эле. Арийне, шанүй алсыраганда 24 түмөн башы жана башка төбөлдөр катышкан курултайдын чечиминин ролу өскөн.

Модэ-шанүйдүн «жер – мамлекеттин негизи» деген сөзү хуннулардын да, алардын тарыхый мурасчысы болгон борбордук азиялык көчмөн түрк элдеринин да жерге карата саясатынын символу болуп калды. Жер жалпысынан мамлекеттин менчиги болгон. Бирок ага ээлик кылуу тепкич-тепкич мүнөзүндө шанүйдүн уулдарына, бир туугандарына, таасирдүү уруу төбөлдөрүнө чөлкөмдөргө ылайык ыйгарылган. Алар болсо өз кезегинде чаканыраак жер аймактарын кол астындагы төбөлдөргө бөлүп беришкен. Эң төмөнкү тепкичте карапайым көчмөндүн бүлөсү турган. Аларга тиешелүү журттар жайытты алмаштырып пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен конуш катары бекитилген. Экстенсивдүү мал чарбачылыгынын бул жайыт пайдалануу системасы кылымдарды карытып сакталып келди.

Хуннулардын үй-бүлөсү патриархалдык мүнөздө болгон. Айрым бардарлар көп аялга үйлөнө алган. Шанүйдүн уулдарынын улуусу мураскор катары дайындалган. Жесир калган жеңесин кайниси алган салт болгон. Хунну жигити өз уруусунан башка уруудагы кызга үйлөнүшү милдет болгон (экзогамия). Үй-бүлө мүчөсүнүн кылмышын бүлө чогуусу менен тарткан.

Байыркы хуннулардын мыйзамдык эрежелери укумдан-тукумга өткөн адатка негизделген. Жалпы мамлекеттик кызыкчылык коргоого алынган. Маселен, аскердик тартипти бузгандар, чыккынчылар ж.б. өлүм жазасына тартылган.

Чакан корутундуласак, б.з.ч. III к. акырынан – б.з.ч. II  к. акырына чейинки доордо хунну мамлекети жана коому жалпы Борбордук Азиядагы көчмөндөр цивилизациясынын негиздерин түптөгөнгө өзүнүн бараандуу салымын кошкон. Бир катар тили тектеш жана башка элдердин Ички жана Борбордук Азиядагы ири аймак ичинде бирдиктүү мамлекетке баш кошушу алардын келечекки этностук-маданий алакалары, өз ара тарыхый тажрыйба алмашуулары үчүн саясий өбөлгө түзгөн. Бул элдердин жалпы тарыхый окшоштуктары жана жакындыктары күчөгөн. Бирок хунну мамлекетине кирген элдер өздөрүнүн этностук жүзүнөн айрылып калышкан эмес.

САКТАР – САЯКТАР ЭМЕС

Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардын б.з.ч. 3-к. чейинки негизги калкы – сактардын чыгыш бутагын түзгөн уруулар эле. Байыркы перстердин падышасы Дарий Биринчи (б.з.ч. 522–486-жж. бийлеген) ордосун курган Персеполдун жанындагы Накш-и Рустем («Үрүстөмдүн оймо-чиймеси») капчыгайында бейит бетиндеги жазмада сактардын үч башка түрү эскерилген. Алар «сака-тйай-ийпарадрайа» – «деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаумду кадырлоочу сактар» (б.а., чекенде өсүмдүгүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучу сактар), «сака-тиграхауда» – «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Дарийдин Бехистун аскасындагы жазуусунун бешинчи сабында ал кантип чуштугуй калпакчан сактарды багындырып, жол башчысы Скунханы туткунга алганы жазылган. Арийне, тиграхауда сактарынын айрым гана бөлүгүн перс падышасы багынта алган. Тиграхауда сактарынын Жети-Сууда, Түндүк Кыргызстанда жайгашкан урууларына Дарий караандаган да эмес.

Сактардын ата-теги арий (арйа) урууларына барып такалары божомолдонулууда. Мындан 3 миң жыл илгери түзүлгөн зороастризм дининин ыйык китеби «Авеста» орто азиялык арийлердин тилинде жазылгандыгы да божомол катары айтылып келет. Арийлердин душманы – турлар болгон. Алар Кангха (Сыр дарыянын ортоңку жана төмөнкү агымы) тарапта б.з.ч. 2 миңинчи жылдардын соңунда байырлашкан. Турлар жана алардын өлкөсү – Туран тууралуу байыркы булактык маалыматтар бир гана булакта – арийлердин Арйан өлкөсүндө айтылып, бизге жеткен диний чыгармаларда гана айтылат.

Турларды Андрон маданиятынын өкүлдөрү жана прототүрк урууларынын бири катары караган көз караштар айтылууда. Туранды инди-европалык уруулар аймагы катары караган жоромолдор да бар.

Жети-Сууну да жердеген «чуштугуй калпакчан сактарды» этностук жактан бир гана иран тилдүү урууларга чектөөгө болбой тургандыгы тастыкталууда. Байыркы турлар сыяктуу эле тиграхауда сактары да татаал этностук компоненттерден турган калайыктын жалпы аталышы болуп саналат. Бирок расалык кебетелери боюнча тиграхауда сактары менен турлар жайгашкан аймактардан казылып алынган байыркы сөөктөр монголоиддик белгилери менен айырмаланышкан. Маселен, Арал боюнда, Теңир-Тоодо, Алайда, Зеравшандын тоолуу өрөөнүндө б.з.ч. VIII–III кк. калтырылган мүрзөлөрдөгү сөөктөр жайпак бети боюнча орто азиялык башка аймактарда ошол доордо табылган сөөктөрдөн кескин айырмаланат.

Демек, тиграхауда сактары байыркы прототүрк урууларынын Борбордук Азиядагы бөлүктөрүн өзүнө камтыган. Айрым байыркы түрк уруулары расалык жактан европеоиддик жана монголоиддик расалардын ортосундагы контакттык типтерге жаткандыгын да эске алуу керек. Бирок айрым кыргыз санжырачылары кийинки кезде жазып чыккандай, сактарды кыргыздын саяк (сайак) уруу аталышы менен чаташтырууга болбойт.

ИСКЕНДЕР МАКЕДОНДУК – ФЕРГАНАДА

Б.з.ч. 329-ж. айтылуу Александр Македондук (мусулман калктары аны кийинчерээк «ал-Искендер Зу-лКарнайн» – «Кош мүйүздүү Искендер» деп ал чыгарган тыйындардагы кош мүйүздүү туулгасына карап атыктырышкан) Борбордук Азияга басып кирип, Фергана өрөөнүнө чейин жетет. Азыркы Кожент менен Бекабад шаарларынын аралыгында Александр Эсхата (Четки Александрия) шаарын он жети күндүн ичинде курдурат. Кийинки айрым кыргыз уламыштарына караганда, грек аскерлери Түштүк Кыргызстанга чейин жетип, Арсланбап токоюнун жаңгак жыгачынын уругун алышып, кийин аны Грекияда өстүрүшкөн. Дүйнөгө ал «грек жаңгагы» деген ат менен тараган имиш. Бирок бул уламыш тарыхый чындыкка коошпойт, анткени «грек жаңгагы» Евразиянын ар кыл тилкесинде мындан мурда деле өсүп келген.

Александр Македондуктун кол башчысы Селевк б.з.ч. 312-ж. өзүнүн жаңы ири мамлекетин негиздеген (б.з.ч. 312–64-жж.). Эң чыгышта бул мамлекеттин «Йаксарттын (Сыр дарыянын) артындагы Антиохия» аттуу шаары курулгандыгы айтылат. Селевкийлердин бул шаары азыркы өзгөндүн жанында болгон деген жоромол бар. Давань мамлекетинин жеринде Антиохия шаарынын курулушу кыска мөөнөткө чыгыш ферганалыктар Селевкийлерге көз каранды болгонунан кабар берет. Алыскы Грекия менен Кыргызстандын түштүгүнө чейинки ири аймактын бул доордогу тарыхый байланышы кийинчерээк Кытайдан Римге чейин созулган Улуу Жибек жолунун түзүлүшүнө өбөлгө болгон.

ЖЕТИ-СУУ ЖАЗМА МАДАНИЯТЫ

Кыргызстандын аймагын жердеген сактар жылкычылыкты мыкты өнүктүрүшкөн. Көчмөн тиграхауда сактары Жети-Суудагы эзелки жазма маданиятка да орчундуу салымын кошкон. Алматы шаарынан 50 чакырымдай чыгышта жайгашкан Эшик (казакча – Есик, орусча – Ысык) аттуу жерден казак археологу К.А.Акишев байыркы көрүс төндөн күмүш идиштин бетине чийилген жазууну тапкан. Эки сапка түшүрүлгөн 26 тамга айтылуу орхон-энесай руна сымал жазмасына саал окшошуп кетет. Азырынча чечмелеп окуу үчүн ачкычы табыла элек бул эстелик Жети-Сууну жана Кыргызстанды жердеген байыркы калктар сактардын доорунда өз алдынча жазма маданиятына эгедер болгондугунан кабардайт. Бул жазма маданиятты түрк калктары мурастап жана өнүктүрүп келишти.

Б.з.ч. II к. ичинде жети-суулук сактардын басымдуу бөлүгү чыгыштан журт которуп келген йүэчжилердин кысымы астында Орто Азиянын чордонуна көчүүгө аргасыз болушкан. Сактардын калган катканы усундарга жуурулушуп, теңир-тоолук кийинки этностордун бир компонентине айланган.

УСУНДАР – БАЙЫРКЫ БАБАЛАРДАН

Борбордук Азиянын жана Теңир-Тоонун тарыхында б.з.ч. III к. – б.з. V к. өзгөчө орунду ээлеген калктардын бири усундар эле. «Усун» сөзү кытайлык булактарда «карганын урпактары» деген түшүнүктү берүүчү иероглифтер аркылуу чагылдырылган. Терминдин байыркы окулуу түрү «асуэн» болушу мүмкүн деген жоромолдор рим тарыхчысы Помпей Трог (б.з. I к.) өз эмгегинде эскерген скифтик бир асиани аттуу урууга усундарды окшоштуруу үчүн негиз болууда. Ал эми айрым окумуштуулар «усун» терминин казактын үйсүн уруусунун аты менен жакындатып жүрүшөт.

Антропологиялык жактан усундар монголоиддик белгилери көбүрөөк болгондугу үчүн Орто Азиянын ичкерки аймагындагы калктан айырмаланышкан. Жапон окумуштуусу Сиратори Куракити жана башка көптөгөн түркологдор усундарды түрк калктарынын байыркы элдеринин бири катары эсептешет.

Б.з.ч. III к. сонунда усундар азыркы Ганьсу вилайетинин батышындагы Циляньшань тоолору менен Дуньхуандын ортосун мекендешкен. Б.з.ч. II к. ортосунда хуннулар менен саясий ынтымакта болуп, Чыгыш Түркстандан жана Жети-Cуудан йүэчжилерди батышка сүрүп, кийинки аймактарды усундар ээлик кылып калышкан. Айрым усун уруулары Лобнор көлүнүн айланасында б.з.ч. I к. – б.з. I к. аралыгында кала бергендиги даректерден маалым болууда.

Кытай тарыхчылары жазып калтырган байыркы усун уламышында алардын өлкөсүнө йүэчжилер бүлгүн салып, падышасы Наньдоумону өлтүрүп кетишкендиги айтылат. Падышанын ымыркай уулун анын насаатчысы алып качат. Насаатчы азык издеп кетип кайра келсе, курсагы ачкан ымыркайды канчык бөрү эмизип жаткан экен. Алардын үстүнөн тумшугуна кесим эт тиштеген бир карга каалгып учуп туруптур. Бул сырдуу ымыркайды Модэ-шанүй өзү асырап өстүрүп, кийинчерээк ага күн-бий деген даражаны берет да, усундарды ага бийлетип коёт.

УСУНДАРДЫН ЭГЕМЕНДИК ҮЧҮН КҮРӨШҮ

Хунну өкүмдары Лаошань-шанүйдүн көзү өткөн соң, б.з.ч. 161–158-жж. аралыгында күн-бий өз мамлекетин хуннулардан көз карандысыз деп жарыялоого жетишкен.

Б.з.ч. 128-ж. усундардын жерине алгачкы ирет келген тыңчы жана элчи Чжан Цянь усундардын салт-каадалары жагынан хуннуларга окшош экендигин баамдаган. Элчи кийинчерээк император У-диге усундар менен саясий ынтымак түзүп, хуннуларга каршы аларды тукурууну сунуштайт. Б.з.ч. 116-ж. ушундай мүдөө менен Чжан Цянды кайрадан усундарга жиберишет. Ысык-Көл боюндагы усундардын байтактысы Чигу шаарынан Чжан Цянь өз жардамчыларын андан да батыштагы өлкөлөргө аттандырат. Б.з.ч. 115-ж. усундар менен кытайлыктардын «тууганчылык ынтымагы» түзүлгөн. Усун күн бийине кытайлык тектүү бийке канышалыкка берилген.

Б.з.ч. II к. акырында Усун мамлекети азыркы Казакстандын түштүк-чыгышын, Түндүк Кыргызстанды, Чыгыш Түркстандын бул жерлерге коңшу аймактарын өзүнө камтыган.

Чарбачылыгы жагынан усундар негизинен мал чар басы менен кесиптенишкен. Жылкы, уй, кой, эчки өстүрүшкөн. «Усундар дыйканчылык менен да, багбанчылык менен да кесиптенишпейт. Алар суунун жана жайыт отунун ыңгайына карап, мал-жаны менен бир жерден экинчи жерге конуш которуп, көчүп жүрүшөт», – деп кытайлык булактар баяндайт. Бирок акырындап б.з.ч. I к. ичинде усундар дыйканчылыкты да дурус өздөштүрүшкөн. Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө усундардын отурукташкан бөлүгү калтырган кыштактардын изин археологдор табышты. Ар кыл карапа идиштер, чопо ийик, сөөк буюмдар, таш жаргылчактар, «айбанаттык стилде» жасалгаланган зергердик (алтын, коло, жез ж.б.) металл буюмдары, Челпек көрүстөнүнөн табылган коло күзгү, темирдин жебе учтары усун доорундагы көрүстөндөрдөн жана башка жайлардан табылып, кол өнөрчүлүк да өнүккөндүгүн күбөлөндүрүүдө.

Усундар мамлекети хуннулардыкы сыяктуу эле көчмөндөр негиздеген монархиялык мамлекет эле. Күн-бий (куньмо) эгемендикке жеткенден кийин да өзүнө хунну шанүйү берген бул титулду сактап калган. «Теңир куту» болгон шанүй усун өкүмдарына өзүнөн төмөнүрөөк даражадагы «Күндүн бийи» мансабын бергени түшүнүктүү (орто кылымдардагы түрктөрдүн Огуз каган тууралуу уламышында да анын мураскор урпактарынын бири Күн-хан деп аталган). Бул титулду усун өкүмдарынын эч алмаштырбагандыгы бул өкүмдардык даражанын усундардын саясий практикасында бекемделип калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Кандайдыр бир деңгээлде хуннулардын мамлекеттик башкаруу тажрыйбасын усундар да кайталашкан. Өтө маанилүү мамлекеттик иштерди күн-бий аксакалдар кеңешинде талкуулаган. Усун мамлекети эки канатка жана аларды бириктирген чордондук бийликке негизделген. (Орто кылымдарда да кыргыздар оң канат, сол канат болуп жиктелген, алардан саал обочо ичкилик тобу турган; бул көрүнүш да кыргыздардын хуннулардан жана усундардан айырмаланбаган борбордук азиялык саясий башкаруу системасын мурастап келгенин айгинелейт).

Усун уруулары патриархалдык өзөктү сактаган менен, аймактык негизде түзүлгөн. Коомдук байлык кембагал малчылардын, жарым көчмөн жатакчылардын, дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жаралган. Кул эмгеги кошумча деңгээлде гана роль ойногон. Кыштактар топурактан согулган дубалдуу жертөлө сымал үйлөрдөн турган (Кара-Балтада табылды). Таштан курулган имарат (Дароот-Коргондо) жана жыгач устундан курулган үйлөр (Жергес коргону) да болгон.

Усун күн-бийине берилген кытайлык бийке муңканып чыгарган ырлар сакталып калды:

«Жыгач ууктар – менин турагым, Жүн кийизден үйдүн дубалы.

Жалаң кымыз, айран, сүтү ичилет,

Жей турганым (жададым ов!) жалгыз эт».

Усундардын үй-бүлө мамилелери хуннулардыкына окшош патриархалдык мүнөздө болгон. Карып калган усун күн-бийи кытай улутундагы канышасынан өзү өлгөндө өз мураскоруна турмушка чыгуусун талап кылган. Муну менен ал кытайлыктар менен мамилени үзгүлтүксүз улантуу жагын көздөгөн. Эмне кыларын билбеген канышага Хань императорунан жооп келген: «Өзүң жашаган мамлекеттин салтын туткунуң, усундар менен биргелешип туруп, мен хуннуларды таш-талкан кылышым керек».

Б.з.ч. I к. башында усундардын саясий чөйрөсү хуннучул жана кытайчыл болуп эки карама-каршы топко жиктелген. Б.з.ч. 80-жылдардан тартып усундар хуннуларга каршы ачык согуш абалында болгон. Алар Турпан аймагындагы соодага ыңгайлуу өткөөл өлкө – Чеши аймагына таасир орнотуу үчүн бири-бирине атаандаш болушкан.

Усундардын күн-бийи Унгүйми жана анын улуту кытай канышасы Гяй-йү хунну кысымы күчөгөндө жардам сурап Хань сулалесине кайрылышты. Б.з.ч. 73-ж. алардын жиберген элчилиги Хань императорунун сарайына келген жана хуннуларга каршы согуштук келишим түзүү сунушун жеткирген. Кийинки эле жылы кытайлык аскерлер (жеңил куралданган 160 миң атчандар) Ордосто жана Хэси өткөөлүндө хуннуларга каршы согушун баштайт. Алар дан хуннулар көчө качып кутулушкан. Бирок батыштан усундардын соккусу аларды кансыраткан: шанүйдүн кайнатасы, келини, бир катар батыш канаттагы бектери, 39 миң аскери усундар тарабынан туткунга алынган.

Б.з.ч. 71-ж. усундар менен саясий ынтымакка келген динлиндер хуннулардын түндүк аймагында көтөрүлүш чыгарды. Чыгышта дунхулардын бөлүгү болгон ухуань уруулары да козголоңго чыкты. Батышынан усундар жиреп келип, хуннулар бул урушта оор жеңилишке учурашты. Өз акыбалын бир кыйла чыңдап алган Усун мамлекетинин күн бийи Унгүйми өлөөр-өлгөнчө (б.з.ч. 4-ж. чейин) кытайчыл саясатты жүргүзгөн. Ал өлгөн соң кытайчыл жана хуннучул жааттар өз ара күрөшкөн. Бийлик анын уулуна тийбей, анын хунну канышадан төрөлгөн аталаш бир тууганы Нимиге өткөн. Ал каныша Гяй-йүгө үйлөнүп, Куан-ван титулун алган. Б.з.ч. 52-ж. каныша Гяй-йү усундарга тойго келген кытайлык ак сөөктөрдү пайдалануу менен сарай төңкөрүшүн уюштурууга аракеттенген. Бирок кылыч жесе да, атына жетип, Ними күн-бий качып чыгууга үлгүргөн. Чигу шаарындагы канышанын ак сарайын каары кайнаган усундар бир нече ай бою камалап турушту. Шашылыш келген кытайлык кошуун гана аларды арачалап калган. Кытай тегиндеги бийкенин каныша катары козголоңу усундардын арасында Хань мамлекетине каршы маанайды курчуткан. Маркум Унгүйминин хунну байбичесинен төрөлгөн Уцзүту мажирөө усун ордосуна каршы козголоң чыгарып, Ними өлтүрүлгөн. Тактыга күч менен Уцзүту келген.

Б.з.ч. 51-ж. усундардын мамлекети расмий түрдө эки канатты түзүп калды; бир жагын Гяй-йү төрөгөн Юаньгүйми «Улуу күн бий» даражасы менен башкарса, экинчи жагы «Кичи күн-бий» даражасына макул болгон Уцзүтуга тийген. Көп узабай Юаньгүйми каза болуп, ордуна анын жүүнү бош уулу Сынми отурганда, каныша Гяй-йү Кытайга кетип калган.

Б.з.ч. I к. ортосунда Усун мамлекети өз ара ынтымак түзгөн түндүк хуннулар менен Каңгүй мамлекетинин ортосунда калды. Ушул кырдаалда Уцзүту күн-бий биринчи орунга хуннучул саясатты эмес, өз журтунун эгемендигин койгон. Өзүнө келген түндүк хунну элчисинин башын алдыртууга буйрук берип, иш жүзүндө Уцзүту күн бий антикытайчыл Чжичжи шанүйгө согуш жарыялагандай болду. Кыргыз өлкөсүн өзүнө плацдарм кылган Чжичжи шанүй б.з.ч. 48-ж. усундарга каршы чыгыштан жортуулга чыгып, бирок суукта карга буюгуп, аскеринин көбү өлүп, болгону 3 миң жоокери менен ал Каңгүй өлкөсүнө жеткен. Б.з.ч. 42-ж. Чжичжи шанүй каңгүй аскерлеринин колдоосу менен Талас тараптан келип Ысык-Көл ойдуңун басып алган. Чигу шаары кыйратылган. Усундар үркүп кетип чыгыш аймактарына баш калкалашкан.

Б.з.ч. 36-ж. усундарга кытайлык аскерлер колдоо көрсөтүшүп, алар Талас өрөөнүнө чейин басып келишкен. Талас салгылашуусунда Чжичжи шанүй набыт болуп, түндүк хуннулар талкаланууга дуушарланган. Усундар өз мамлекетинин эгемендигин жана аймактык биримдигин калыбына келтиришкен.

ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫН ЧАКАН ӨЛКӨЛӨРҮ

Б.з. I к. Чыгыш Түркстандагы Куча сыяктуу чакан мамлекеттер кытайлык аскерлерди сүрүп чыгып, өз эгемендигин калыбына келтиришкен. Мурдатан көз каранды эместигин көз карегиндей сактап келген Усун мамлекети менен Кытайдын ортосунда кайрадан буфердик өткөөл мамлекеттер түзүлүп калды.

Б.з. II к. ичинде өтө таасирдүү дөөлөт болуп калган Кушан мамлекети Чыгыш Түркстандагы Тарим ойдуңунун түштүк аймактарына чейин кол салып, багындырган. Бирок Усун мамлекети Кушан өлкөсүн бийлеген тохарлардан эркин болгон.

Хань сулалеси кулаган соң (б.з. 220-ж.) Кытай уламдан-улам Чыгыш Түркстандан алыстайт. Ошондуктан усундар тууралуу алардын кабары да үзүл-кесил учурап калган. V к. жужандар чыгыштан келип, усундарды Теңир-Тоонун чыгыш аймактарынан сүрүп салган. Ошол кылымдын ортосунда усундардын батыштагы аймактары орто азиялык көчмөн эфталит уруулары тарабынан ка ратылып алынган. Усундар жергиликтүү этностук компонент катары кийинки теңир-тоолук түрк калктарына жуурулушуп кетишкен.

ДАВАНЬ (ПАРКАНА) МАМЛЕКЕТИ

Фергана өрөөнүнүн борбордук жана чыгыш аймактарын камтыган байыркы мамлекет кытайлык булактарда Давань (Цаюань) деп аталган. Байыркы чыгыш индиирандык тилде бул мамлекет Паргана (Паркана) деп аталган. Мындагы отурукташкан калктын тили согдулук, парфиялык калктардын тилине жакын келген. Мында калк жыш жайгашкан. Чоң жана кичи шаарларынын саны жетимишке жеткен. Дыйканчылык өзгөчө өнүккөн.

«Отурукташкан тургундары жер айдашат, күрүч жана буудай эгишет, жүзүмдөн жасалган шарабы, сандаган асыл тукум жылкылары бар» – деп кытай булактары саймедирлеп Даванды сүрөттөгөн. Шоробашат археологиялык маданиятынан айгинеленгендей, Даванда уй, кой, эчки, төө багылган. Бодо малга саал азыраак орун берилген. Парганалыктар асыл тукум жылкыны баккандыгы кытайлык булактарда өзгөчө белгиленген.

Кол өнөрчүлүк да парганалыктардын таасирдүү чарба тармагынан болгон. Алар ар кыл металлды, маселен, темирди өндүрүүгө жетишкен. Сымап, алтын ж.б. кендери өздөштүрүлгөн (Кен-и Гут үңкүрү, Касан-Сай ж.б. кен жайлары). Карапа идиштерин бышыруу үчүн көөрүктөр пайдаланылган.

Улуу жибек жолу калыптана электе эле парганалыктар Батыш жана Чыгыш менен өз алдынча соода алакалары аздап болсо да жүргөн маанилүү аймакта жашашкан. Алайдагы Дароот-Коргон жеринде байыркы таш пайдубалдуу кербен сарайдын негизи сакталып калган.

«Давандыктар Кытайдан алып келинген алтын-күмүштөрдү акча жасоо үчүн эмес, зергердик буюмдарын жасоо үчүн пайдаланышат», – деп байыркы кытайлык булак баяндайт. Бул аймак Кытай, Чыгыш Түркстан, Батыш Азия, Рим, Түндүк Африка сыяктуу аймактар менен соода алакаларын жүргүзгөн.

Шаар маданияты да дурус өнүккөн. Азыркы Ош шаарынын ферганалык ири шаарлардын биринин чордон болушу дал ушул доорго таандык. Ош шаарынан 8 км батышта Билавур-Төбө деген шаар калдыгы 1 га жерди ээлеген. Б.з.ч. I к. Давандын байтактысы болгон Гуйшань шаары дал ушул Ош шаарынын ордунда жайгашса керек, – деген божомол бар.

Ал эми б.з.ч. II к. парганалык байтакты болгон Эрши шаарынын орду катары Араван суусунун боюндагы Мархамат шаар калдыгы көрсөтүлүүдө. Ал дээрлик 40 га аймакты ээлеген.

Өзгөн шаарынан 10 км алысыраак Жазы өзөнүнүн боюндагы Шоробашат шаар чалдыбары болсо байыркы Ю (Юнчен) шаары катары жоромолдонууда. 70 га аймакты ээлеген бул шаар парганалык эң ири шаарлардан болгон.

Окумуштуулар Парганада жарым миллиондон кем эмес калк жашагандыгын божомол кылышат. Парганалыктар табият күчтөрүнө, Күнгө, отко сыйынышкан. Жылкыны да аздектешкен.

Кытайдын саякатчысы жана тыңчысы Чжан Цянь

б.з.ч. 128-ж. алгачкы ирет Давань (Паргана) мамлекетине келген. Андан туптуура 200 жыл мурда бул өлкөнүн аймактарына чейин Александр Македондук (Искендер Зулкарнайн) басып келгени, Фергана өрөөнүндө Александра Эсхата шаарын курдургандыгы, бирок бул аймактан чыгышка – Теңир-Тоого сүңгүп бара албагандыгы маалым.

Б.з.ч. 105-ж. кубаттуу Хань сулалеси өзүнүн Че Лин аттуу элчисин Парганага жиберип, анын таза кандуу аргымактарын суратат. Арийне, парганалыктар аттарын берүүдөн баш тартышат. Ал түгүл аксакалдарга тилин тийгизген элчи өлтүрүлүп салынат.

Хань императору У-ди б.з.ч. 104-ж. 6 миң аскерден турган кошуунун Даванга каршы жиберген. Арийне, бул кошуун кийинки жылы таш-талканы чыгып, аз гана аскер артка качып барган. Б.з.ч. 102-ж. кытайлыктар экинчи ири жүрүшүн баштаган. 60 миң аскер, 30 миң атчан кытайлык кошуун Алай аркылуу өрөөнгө түшүп, кыргынын баштаган. Падыша Мугуа салгылашып жатып курман болгон. Эрши шаары кырк күн камалоодо болгон. Ю шаары да айыгышкан каршылыгын көрсөткөн.

Кытайлыктар бул мамлекеттин эгемендигин жок кыла алган жок. Салгылашуулардан артка 10 миң аскер, 6 миңдей атчан аскер гана кайтып келген. Ал эми парганалыктар өз падышасын өздөрү дайындап, кытайлыктар таштап кеткен өкүмдарды өлтүрүп салышкан. Дал ушул боштондук салгылашууларынан кийин борбор шаар катары Оштун ордундагы Гуйшаньчен («Аздектелген тоонун этегиндеги шаар») аттуу шаар тандалып алынган. Сулайман-Тоонун эң байыркы доордо эле аздектелген ыйык жай катары каралгандыгы маалым.

Б.з. алгачкы кылымдарында Давань мамлекети тууралуу үзүл-кесил гана кабарлар бар. Б.з. 90-105-жж. бул мамлекет кудуреттүү Кушан дөөлөтүнө баш ийип тургандыгы божомол кылынат.

437-ж парганалыктар кытайлык чакан Вэй падышалыгына өз элчисин жибергендиги маалым. Ошондон көп узабай Давандын (Паргананын) жери батыштан басып келген эфталиттер тарабынан каратылган.

КАҢГҮЙ ӨЛКӨСҮ

Давандан түндүк-батышта Каңгүй аттуу байыркы мамлекет жайгашкан. Анын аймагы негизинен азыркы Казакстандын түштүгү, Өзбекстандын түндүк-чыгышы, Кыргызстандын түндүк-батышы (Галас өрөөнү) сыяктуу Сыр дарыя жана Талас дарыялары менен байланыштуу жерлерден турган. Б.з.ч. I к. Каңгүй мамлекети тышкы саясатта өзгөчө жигердүү айырмаланып турган. Каңгүй б.з.ч. I к. ортосунда хуннулардын анти-кытайлык канатын жактап, колдоосун көрсөткөн.

Б.з. I к. алар кушандыктар менен дурус алака түзгөн. Каңгүй падышасынын кызына Кушан өкүмдары үйлөнгөн.

Б.з. 287-ж. каңгүйлүк элчи Кытайдын Батыш Цзинь падышалыгына келгендиги, 379-ж. Эрте Цинь падышалыгына, ал эми 437-ж. Вэй падышалыгына каңгүйлүктөр өз элчисин жибергендиги маалым.

Б.з. V к. Каңгүй мамлекети да эфталиттердин таман астында калган. Алардын байыркы журтунун аталышы түрк калктарынын «каңды» аттуу элдин аталышында (кыргыз, казактагы канды, канлы уруу аталышында) сакталып калгандыгы тууралуу жоромол бар. Жалпысынан, Борбордук Азиядагы бул байыркы мамлекеттер жана элдер кийинки жергиликтүү маданиятка өз мурасын калтырышкан жана бул калктар ар кыл түрк калктарынын ата-бабаларынан болушкан.

КЫРГЫЗ ЭТНОНИМИН ЧЕЧМЕЛӨӨ АРАКЕТТЕРИ

Түрк калктарынын бири болгон кыргыздардын байыртадан берки сакталып келген энчилүү аты – «кыргыз» этноними. Бул термин түрк тилдеринин негизинде гана чечмеленет. Анын чечмеленишинде элдик вариант (элдик этимология) жана илимий вариант бири-биринен кескин айырмаланат.

Элдик чечмелөө аракеттери кыргыз этнониминин «кырк» деген санга жана «кыз» деген сөзгө (кырккыздан таралган урпактар), же «кырк» сан жана «огуз» этнонимине (кырк огуз бирикмеси) айрым учурда «кыр» сөзү жана огуз этнонимине (кырдагы, б.а., тоолуу аймактардагы огуздар) болуп түшүндүрүү менен мүнөздөлөт. Көпчү лүк санжыралар (Абу-л-Газы Бахадур хан, XVII к.; Осмонаалы Сыдык уулу ж.б.) боюнча кыргыз сөзү тек гана Огуз хандын небересинин ысмы катары сыпатталат. Элдик чечмелөө үлгүлөрү кытайлык «Юань ши» – «Юань сулалеси тарыхы» эмгегинде (XIV к.) кытайлык кырк кыз менен түндүктөгү Ус өрөөнүнүн калкынын (ус – угус – огуз?) урпагы – кыргыздар деп жазышынан көрүнөт. Ал эми ферганалык Сайф ад-Дин Ахсыкендинин (XVI к.) маалыматтарында болсо Султан Санжар Чыгыш Ферганага кол салганда XII кылымда өзгөндүк кырк огуз Кожентке (Түндүк Тажикстанга) качып барып баш калкалашып, алардан кыргыздар келип чыккан деген уламыш кам тылган.

«Кыргыз» этноними илимий негизде да чечмеленүүдө. Бул усул эч кандай оозеки уламыштарга муктаж эместиги менен айырмаланат. Анын өзгөчөлүгү – кыргыз этнонимин ар кыл бөлүктөргө (компоненттерге) лингвистикалык жана ономастикалык усулдарга таянуу менен ажыратып түшүндүрүүдө болуп саналат. Анын айрым варианттары: 1. «Кырк» жана «йүс» («кырк жүз», В.В. Радловдун пикири); 2. «кырк» жана «эр» («кырк киши», Ахмед Зеки Велиди Тоган); 3. «кыра» жана «гыз» («кара чачтуу эл» Давлен Айтмуратов); 4. «кыргу» – «кы-рыг» жана ага көпчүлүк санды туюнтуучу – «-ыз» мүчөсүнүн жалгаштырылышы («кызылдар» Константин Петров); 5. «кырыг» жана «огуз» («кызыл огуз», б.а., түштүк огуздар же батыш огуздар, Николай Баскаков); 6. «кыргын» – «кыргыт» – «кыргыз» («албырган жүздүүлөр», б.а., сары чач, албырган жүз, көк көздүү эл, Андрей Кононов) ж.б.

Кыргыз этнонимин чечмелөөдө боордош түрк элдеринин башка ысымдарында «гыз», «гуз», «гун», «гур», «гар», «газ», «ар», «аш», «ас» (огуз, гагогуз, кун, уйгур, оногур, булгар, сувар, хазар, кызык, жоорай, чуваш, төөлөс) ж.б. сыяктуу бири-бирине үндөш компоненттерден куралганын эске алуу керек. Демек, кыргыз этноними нукура түркчө сөздөрдөн пайда болгон энчилүү аталыш болуп саналат.

Аты гана эмес, өз теги боюнча түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Б.з.ч. II миң жылдыктан тартып прототүрк дүйнөсү расалык белгиси боюнча европа сымак жана монгол сымак калктардан куралган. Байыркы доордо кыргыздар түрк калктарынын ичинен европа сымак расалык белгилери көбүрөөк байкалган уруулардын биринен болгон.

КЫРГЫЗДАРДЫН БАЙЫРКЫ АТА ЖУРТУ

Байыркы доордо – б.з.ч. I миң жылдыктын III кылымынан тартып жазма тарыхый булакта эске алынган кыргыздардын Ата Журту тууралуу ар кыл пикирлер айтылып келген. Айрымдары бул алгачкы кыргыз журту Энесайда болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк-Батыш Монголиядагы Хыргыс-Нур («Кыргыз-Көл») аттуу көлдүн аймагында болгон деп жоромолдошкон.

Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу (б.з. биринчи кылым) өзүнүн «Хань шу» – «Хань сулалесинин тарыхы» эмгегинде: «Кыргыздардын чыгышта 7 миң ли узактыкта (хуннулардын) шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан», – деп жазат. Археолог проф. Юлий Худяков, синолог Л.А. Боровкова жана азыркы кыргыз тарыхчылары бул маалыматка негизденип, кыргыздардын б.з.ч. I кылымындагы журту Чыгыш Теңир-Тоо аймагында болгондугун далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркстандагы Манас, Карашаар сыяктуу шаарлардын түңдүк тарабында, Борохоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган.

Эзелтеден кыргыздарга коңшу болгон байыркы түрк элдеринин ичинен хуннуларды, усундарды, динлиндерди, ошондой эле Чыгыш Түркстандагы индоевропалык тилдерде сүйлөгөн калктарды (йүэч-жилер, б.а., тохарлар) эскерип өтүүгө болот.

Кыргыздардын байыркы Ата Журту көчмөн мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, кандайдыр бир даражада дыйканчылык менен кесиптенүүгө, кол өнөрчүлүктүн ар кыл түрүн өнүктүрүүгө (металл иштетүү, зергерчилик, жыгач усталык, тери ийлетүү жана ултаруу, жасоо, өрмөчүлүк, оймочулук ж.б.), аң уулоону кесиптин, аскердик өнөрдүн жана оюн-зооктун түрү катары колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн берекелүү жайлардын бири болгон.

БАИЫРКЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ХУННУ ДӨӨЛӨТҮНӨ БАШ ИЙИШИ

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь өзүнүн «Ши цзи» – «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, б.з.ч. 201-жылы хуннулардын бийлик эгеси Моде-Шанүй (Маодун-шанүй) түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыккан. Бул жортуулдар маалында ал көз карандысыз бир катар урууларды – ханьүй, цүйше (күйше), динлин, кыргыз, синьли урууларын өзүнө каратып алууга жетишкен.

Кыргыздар Модэ-шанүйгө баш иерде өзүнчө мамлекет курган беле же жок беле – кесе айтууга мүмкүн эмес.

Арийне, ошол доорго чейин кыргыздарда мамлекеттик түзүлүш курула элек болчу деген жоромолду кабыл алсак да, б.з.ч. III кылымдын соңунан тартып кыргыздардын бирдиктүү жана кудуреттүү Хунну дөөлөтүнүн курамында болушу көчмөндөр цивилизациясынын алгачкы кубаттуу мамлекетинин таасири астында байыркы кыргыздардын калышы дегенди туюнтарын айтууга негизибиз бар.

Хуннулар түзгөн көп улуттуу мамлекетте этностор аралык маданий жарыян жүрдү, байыркы түрк этносторунун тилдик жана салт-каадалык жакындыгы күчөдү. Хуннулардын саясий башкаруусунун практикасы жана аскердик өнөрү байыркы кыргыздар тарабынан өздөштүрүлдү (орто кылымдарда да кыргыздар хуннулар сыяктуу эле оң канат, сол канат, чордондук топ – «ичкилик» болуп жиктелүүсүн уланткан).

Хуннулардын саясий орбитасында калган кыргыздардын кошуундары кытайлык империяга ж.б. мамлекеттерге каршы согуштарда хуннулар менен бирдикте катышты.

Дал ошондуктан кыргыз тарыхый-баатырдык дастандарынын башаттык доору хуннулар Борбордук Азияны бийлеген заманга барып такалары тууралуу жоромолдо чындыктын үлүшү чоң.

КЫРГЫЗДАР Б.З.Ч. I к. АЛГАЧКЫ ЖАРЫМЫНДА

Хуннулар дөөлөтүнүн Цзүйдихэу-шанүй бийлеп турган маалда б.з.ч. 99-ж. кытайлык аскерлер Чыгыш ТеңирТоодогу хуннулардын ээликтерине кол салып, бирок жеңилет. Ошондо колго түшкөн кытайлык бир каарман кол башчы Ли Лин хуннуларга кызмат өтөөгө макул болот. Ал Кытайга кайтса аны өлүм жазасы гана күтөөр эле.

Цзүйдихэу-шанүй Ли Линге өз кызын турмушка берген жана «батыш канаттагы чжуки-бек» деген титулду ыйгарып, кыргыздардын журтун хуннулардын атынан башкарууну тапшырган. Ли Лин менен анын хунну тегинен болгон аялынын урпактары укумдан-тукумга кыргыздардын арасында жашап, кара чач, кара көз, сырткы белгилери менен айырмаланышкан.

Б.з.ч. 90-ж. Ли Лин жетектеген кыргыз кошууну хуннулардын ири аскердик колуна кошулуп, Хангай тоолорундагы Яньжань деген бир тоонун жанынан кытайлык аскер колуна каршы салгылашууга катышкан. Хуннулар тарапка кыргыздар, динлиндер, тарпандык аскерлер болгон. Бирдиктүү күчтүн соккусунан Хань сулалесинин кубаттуу жортуулчул аскер колу (армиясы) биротоло талкаланган. Кытайлыктарга каршы бирдиктүү боштондук жортуулу идеясы кыргыздын «Манас» дастанында да чагылдырылган. Теги кытайлык болгон Алманбеттин кыргыздарга жана түрктөргө ак кызмат өтөшү сыяктуу «Манастагы» сюжеттер, мотивдер байыркы тарыхыбызда Ли Лин менен байланыштуу ажайып окшоштуктарга эгедер.

Б.з.ч. 60-жылдарга чейин кыргыздар Хунну дөөлөтүнүн туруктуу вассалдары болгон. Хунну шанүйү кыргыздардын аймагын өз ордосунан дайындалган адам аркылуу башкарып турган. Б.з.ч. 71-ж. хуннуларга каршы усун, динлин, ухуань элдеринин көтөрүлүшү чыкканда кыргыздар козголоң тарабын туткан эмес.

Хунну мамлекетинин системасына туруктуу кирип калган кыргыздар хунну саясатын жүзөгө ашырууга катышкан. Өзгөчө бул акыбал б.з.ч. 58–56-жж. байкалат. Кыргыз төбөлдөрү хуннулардын башкаруучу уругуна тиешеси жок Уцзи деген хунну офицери бүткүл Хунну дөөлөтүнүн шанүйү катары б.з.ч. 56-ж. көтөрүп чыгып, арийне, анын колу Хуханье-шанүйдөн жеңилип калган.

КЫРГЫЗДАРДЫН АЛГАЧКЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ МАМЛЕКЕТИ

Саясий бытырандылыкка кириптер болгон Хунну дөөлөтүнүн борбордук башкаруусу начарлаган кырдаалда б.з.ч. 56-ж. кыргыздар саясий көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө жетишишкен. Алардын чордондук аймагы Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк (тескей) жагында Борохоро тоо кыркасы менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосунда жайгашкан.

Дал ушул жылдан тартып жазма булактарда эң алгачкы ирет Кыргыз падышалыгы тууралуу эскертилет (кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу чакан кыргыз мамлекетин «го» – «падышалык» термини менен белгилеген). Байыркы кыргыздардын бул чакан өлкөсү географиялык обочо абалына байланыштуу бир нече жыл бою хуннулардын көңүлүнөн чыгып, кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жаңы башаты болуп калды.

Б.з.ч. 49-ж. гана түндүк хуннулардын башчысы Жинчжи-шанүй азыркы Манас шаарынын тарабындагы Уцзи падышачылыгын талкалап, батышыраагындагы Кыргыз падышачылыгын, алардын түндүктөгү Динлин өлкөсүн каратып алды. Чжинчжи-шанүй кыргыздардын өлкөсүндө саал байырлап, андан ары Каңгүй падышачылыгы менен ымала түзгөнүнө байланыштуу батышка жүрүшкө чыккан. Чжинчжи-шанүйдүн жүрүштөрүнө байланыштуу айрым кыргыз аскер топторунун да б.з.ч. 48–42-жж. Талас өрөөнүнө чейин келгендиги айрым изилдөөчүлөр тарабынан белгиленүүдө.

КЫРГЫЗДАР Б.З. I–V КЫЛЫМДАРДА

Кыргыздардын негизги байырланган журту б.з. I миңинчи жылынын алгачкы жарымында Теңир-Тоонун чыгыш атырабы бойдон кала берген. Түрк урууларынын теле (төөлөс) саясий бирикмесине коңшу катары эскерилген кыргыздар тууралуу кытай булактары «Янь-цинин (Карашаардын) түндүгүндө, Актоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт. Ушул эле булактан динлиндердин бир катар бөлүктөрү кыргыздашканын, айрым хуннулар да кыргыздарга кошулганын биле алабыз.

V кылымда кыргыздар төөлөстөр сыяктуу эле Түндүк Кытайдан ооп келген жуан-жуандарга (жужан, б.а., авар) каршы согушуп, бирок бул мамлекетке баш ийүүгө аргасыз болушкан. Ашина (арслан) түрк уруусу менен кыргыздардын да жакын байланыштары болгону кытай даректеринде жазылып калган ургаачы бөрү эне тууралуу уламыштын мазмунунан да айгинелейт. Анда түрктөрдүн жалпы уламыштык бөрү энесинин урпактарынын бири катары кыргыздар сыпатталган. Көк бөрү, илбирс (вагда), бугу сыяктуу айбандар кыргыздар ыйык туткан тотемдер (жаныбарлар) болгонун башка түрктөрдөй эле кыргыздар да Теңирге (Көк – анын символу), жер-сууга, Чолпон жылдызга, Айга сыйынганын, отту ыйык тутканы ошол байыркы доордон башталган.

Жалпысынан алганда, байыркы доордон бери аты жазма тарыхый жылнаамаларда белгилүү кыргыздар өздөрүнүн узак жолду басып өткөн тарыхында башка түрк уруулары менен жуурулушуп, бир далай Борбордук жана Орто Азиянын (азыркы саясий термин боюнча – Ички жана Борбордук Азиянын) түрк эмес элдеринин өкүлдөрүн ассимиляциялап келген. Алардын байыркы тарыхынын Чыгыш Теңир-Тоолук баскычы б.з. V кылымынын акырына чейин созулган.

ТҮРК УРУУЛАРЫНЫН ЭРТЕ ТАРЫХЫ

Түрк элдеринин эрте мезгилиндеги тарыхында «теле» жана «тукйү» деп аталган Борбордук Азиядагы ири көчмөн уруу бирикмелери негизги ролду ойногон. Алардын түпкү теги хунну жана динлин уруулары менен өтө тыгыз байланыштуу.

Теле уруулары биздин заманыбыздын башында кытай жазма маалыматтарында «гаоүй» («бийик араба») деген этноним менен белгилүү. Алар азыркы Монголия жана Туванын аймагында көчүп жүрүшкөн. Кийинчерээк алардын бул эки ысмы жазма булактарда бир эле мезгилдерде кездешип, бара-бара «гаоүй» термини жоголуп кеткен. Теле бирикмесинин тарыхында сеянто, вейхо, паегу, тунло, пугу, апа, телөөр, секие, толанко (доланьгу), кипи, атйе, хун, хусйе (хуса), фуло, фуликйу, тубо жана гулиган аттуу уруулар чоң ролду ойношкон. Алар Чоң Хингандан жана Түндүк Кытайга чейинки аралыкта көчүп жүрүшкөн.

Түрк (түркүт, тукйү ж.б.) уруулары жөнүндө биринчи маалыматтар Кытай мамлекетинин «Бей ши» (304–436), «Чжоу шу» (556–581), «Бей ци шу» (550–577) жана «Суй шу» (589–619) сулалелик тарых наамаларында кездешет.

ТҮРК УРУУЛАРЫ ТУУРАЛУУ АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР

Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын ичинен экөөсү кызыктуу. Анын бири боюнча түрк урууларынын ата-бабалары хуннулардын түндүгүндө, Со аймагында жашаптыр. Алар 70 бир тууган болуп, эң улуусу Ичжини-Нишиду карышкырдын баласы болуптур. Күндөрдүн биринде Со аймагын душмандар басып алып, 70 бир туугандын арасынан жалгыз Ичжини Нишиду гана аман калыптыр. Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири ак кууга айланып кеткен экен. Экинчиси – Цигу (Кыргыз) Афу (Абакан суусу, Энесайдын ири куймасы) менен Гянь (Кем, б.а. Энесай) дарыяларынын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюнда падышалык кылыптыр. Алардын эң улуусу Надулушад жылуулукту чакыра алчу экен. Ошондуктан жергиликтүү калк аны Тукйү деген ат менен өзүлөрүнө падыша шайлап алышыптыр. Надулу-шаддын эң кичүү онунчу аялы Ашина аттуу бала төрөйт. Надулу дүйнөдөн кайткандан кийин анын балдары Ашинаны баарынан бакка бийик секиргендиги үчүн, Ахянь-шад деген ысым беришип падыша шайлап алышыптыр. Кийинчерээк Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк каганатын негиздеген.

Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н.А. Аристов аттуу окумуштуу биринчи жолу Со аймагын Алтайдын түндүк этегиндеги Лебедь суусунун Бий дарыясына куйган жеринде жашаган Со уругу менен байланыштырат. Ичжини-Нишидунун ак кууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык кууки-жи (лебединдер) деп далилдейт. Ал эми анын үчүнчү жана төртүнчү баласынын жергесин Катунь дарыясына куйган Чүй бассейнине окшоштурат. Н.А. Аристов Ичжини-Нишидунун экинчи уулу Цигунун бийлеген мамлекетчесин Энесай (Гянь) менен Абакан дарыяларынын ортосуна жайгаштырган.

Түрк урууларынын чыгышы жөнүндөгү экинчи уламыш боюнча алардын түпкү ата-бабалары бир чоң саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишиптир. Аны ургаачы карышкыр багып чоңойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турфандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу үңкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоңойгондон кийин Турфандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөч үлөрү болуп калышкан экен. Карышкырдын он баласынын бири – Ашина дегени жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жол башчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилет. Кийинчерээк Асян-шад деген жол башчы ашина уруусун үңкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен.

Ошентип, экинчи уламыштын мазмуну боюнча ашина уруусунун чыгышы Түндүк Кытай жана Чыгыш Түркстан аймагы менен байланышат. Бул эки уламышта кездешкен окшош тарыхый маалыматтар, Ахян-шад, Ашина сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр менен байланышында таң каларлык эч нерсе жок. Азия элдеринин көпчүлүгү өздөрүнүн түпкү атасы деп тигил же бул айбандарды аташат. Маселен, тибеттиктер маймылдын ургаачысы менен эликтин бир түрүн, телестер карышкыр менен хун падышасынын кызын түпкү тегибиз дешет. Айтмакчы, «ашина» сөзү карышкыр деген маанини берет (Л.Н. Гумилев. Древние тюрки, – М.,1967.с.23).

Арийне, айрым окумуштуулар «ашина» сөзүн «арсылан – арстан» сөзүнүн кытайлык жазылыш түрү катары да жоромолдоп келишет.

Түрктөрдүн байыркы уламыштарында кыргыздар алардын бир туугандары, боордош, саясий ынтымакташ жана өз мамлекетине эгедер тең ата эл катары эскерилген.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЧЫГЫШ ТЕҢИР-ТООДОН ЭНЕСАЙГА КЕЛИШИ

Байыркы кыргыз уруулары Теңир-Тоо аймагынын чыгыш тоо кыркаларында жашап келгени жогоруда белгиленди. Алар Жуан-жуан (жужан) каганатынын доорунда б.з.V кылымынын акырында өз Ата Журтунан Энесай аймагына көчүүгө аргасыз болушкан. Бул доордо төөлөс (теле) уруулары да жуан-жуандар менен болгон үзгүлтүксүз согуштун айынан Алтай аймагына көчүп кетүүгө аргасыз болгону тарыхта белгилүү. Кыргыздардын Энесайга көчүп келүүсү тууралуу тыянак Энесайдагы б.з. VI кылымына чейинки Таштык археологиялык маданиятынан VI–VIII кылымдарды өзүнө камтыган Чаатас («Жоо ташы») археологиялык маданиятынын материалдарынын кескин айырмаланары аркылуу да далилденүүдө. Маселен, Таштык доорунда маркумдардын сөөктөрү өрттөлгөн соң, ондон эки жүзгө чейин сөөк калдыгы чогултулуп, атайын жыгач менен бекитилген. Чаатас доорунда болсо сөөк коюучу жайлар-көрүстөндөр бирден же экиден көрдү камтып, анда жалгыздан өрттөлгөн маркум сөөгүнүн күлү идишке, баштыкчага салынып коюлган. Чаатас доорунун мүрзөлөрүнүн сырткы көрүнүшү да айырмалуу: мүрзөнүн үстүнө таш такталар кондурулуп, саал алысыраакта таш мамы орнот улган.

Жалпысынан, Таштык маданиятынан Чаатас маданиятынын кескин айырмалуулугунун негизинде журт которуп келген кыргыздардын социалдык катмарларга жиктелиши татаал экендиги, алар жергиликтүү калктарга караганда социалдык өнүгүү деңгээли боюнча жогорураак тепкичте тургандыгы тастыкталууда. Кыргыздар эми жаңы журтта – Энесайда өз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн ыңгайлуу тарыхый-географиялык шарттарга ээ болушту. Алар жгадагы майда элдерди өздөрүнө багынтып, «кыштым» (көз каранды) деп аташкан.

КЫРГЫЗДАР ТҮРК КАГАНАTTАРЫ ДООРУНДА

Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу кытай булактарында жазылган уламышта негизги бийлөөчү түрк урууларынын ата-теги болгон бала менен ургаачы бөрүнүн урпактарынын бири – Цигу (Кыргыз) эле. «Алтайдан кеткен бул урпак өзүнчө бир Афу (Абакан) жана Гян (Кем, б.а., Энесай) дарыяларынын өрөөнүндөгү аймакта падышалык кылып калгандыгы» алиги уламышта белгиленет.

Жужандар алсырап жана алтайлык түрктөрдүн ашина уруусунун (бул кытай булагында эскерилген уруу атын чыгышпоздордун айрымдары «бөрү» деп, айрымдары «арслан» деп жоромолдошууда) төбөлдөрү жетектеген бирдиктүү кошуундан сокку жеп жатканда Кыргыз мамлекети өз алдынча эле.

Арийне, Түрк каганатынын негиздөөчүсү Бумындын уулдарынын бири Мухан-каган (553–572) Саян тоолоруна да жортуул жасап, 555-жылы «түндүктөгү Цигуну» каратып алгандыгы кытай булактарында баяндалат. Мындан бир аз мурда эле 553-ж. өлгөн Бумын-кагандын арбагына багышталган ашка көз карандысыз кыргыздардын элчиси да келип катышкан эле.

568-ж. Улуу Түрк каганатынын батыш канатын бийлеген Истеми-каган византиялык элчи Земарх үчүн белек катары «херхис (кыргыз) элинен» олжолонгон күң кызды тартуулаган.

Түрк каганаты батыш жана чыгыш болуп ажыраган (581) доордон тартып Кыргыз мамлекети бирде көз карандысыз, бирде ашина (арслан) уругуна, бирде төөлөстөрдүн сеянто (сир-тардуш) урууларынын бирикмесине сөз жүзүндө баш ийип турган (629–646-жж.).

632-ж. Кытайдын Тан сулалесинин императору Тайцзун өзүнүн Ваң Йихун деген элчисин Кыргыз мамлекетине жиберген. Сыр-тардуш мамлекетине баш ийип, элтебер даражасын алган Кыргыз мамлекетинин бийлик эгеси иш жүзүндө өз алдынча тышкы саясат жүргүзгөнү айгинеленүүдө. Маселен, 643-жылы император Тайцзуга кыргыз каганатынын элчиси келип, «суусар терисинен жасалган тон жана суусар терисин тартуу кылганы», андан соң да 648, 653, 675-жылдары кыргыз элчилеринин Кытайда болгондугу булактарда катталган.

Ал эми 648-ж. Энесай кыргыз каганатынын башчысы элтебер Ышбара келип, Тан сулалесинин байтактысында салтанаттуу түрдө кабыл алынган. Кыргыз бийлөөчүлөрүнө «сол канатты коргоочу башкы Сангун» (ага генерал) чини берилип, анын өлкөсү «Кыргыз Тутук мекемеси» катары макам алган. Арийне, иш жүзүндө Кытайдан Кыргыз мамлекети көз карандысыз болгону жана алардын ортосунда өз алдынча «буфердик» өлкө – тогуз огуздар мамлекети (647–688) жайгашканы маалым.

Жалпысынан, VI–VII кылымдарда кыргыздардын түрк каганаттарына мезгил-мезгили менен интеграцияланып турушу Энесай аймагы менен башка түрк аймактарынын этностук, маданий, чарбалык саясий алакаларын, боордоштугун чыңдаган.

БАРСБЕК ЖАНА ЭКИНЧИ ЧЫГЫШ ТҮРК КАГАНАТЫ

Орхонду чордон кылып, Кутлух – чор өзүн Элтерис-каган деп жарыялагандан (682) тартып Чыгыш түрктөрүнүн жаңы доору башталган чакта Энесай Кыргыз каганаты да өз алдынча өкүм сүрүп турду. VII к. акыры – VIII к. башында Кыргыз каганатын каарман жана амалдуу Барс бек бийлеп турган. Анын тушунда кыргыздардын элчилери бир катар чыгыш мамлекеттерине – Кытайга, Тибетке, Түргөш каганатына жиберилип турган.

Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын кагандары да Барсбекти өзүнө ийитүү максатында оболу анын кагандыгын таанышкан жана Элтерис-кагандын кызын ага канышалыкка беришкен (Күлтегинге арналган эстеликтин маалыматы). Арийне, Тон-йокук кол башчыга арналган эстеликтен маалым болгондой, чыгыш түрктөр үчүн «баарынан душманыраагы – кыргыздардын кубаттуу каганы болду». Барсбек каган табгачтар (кытайлыктар), «он ок (элинин) каганы» (түргөштөр), чик, аз сыяктуу түрк уруулары менен Орхондогу түрктөргө каршы согуштук ынтымак түзүүгө жетишкен.

Тон-йокук жана Күлтегин жетектеген кошуун озунуп, бул ынтымактын өкүлдөрүн бириндетип талкалоого ашыкты. 710-жылдан 711-жылга караган кышта алар Көгмен (Саян) тоолорунан ашып, капысынан кыргыздарга кол салды. Суңга деген чер токойлуу жерде Барсбек баатырларча согушуп, курман болгон. Орхон түрктөрү аны каармандарча күрөшкөн жоосу катары аздектешсе, ал эми Энесай кыргыздары өздөрүнүн руна сымал бир катар жазма эстеликтеринде Барсбек үчүн жоктоо, кошок сөздөрүн багышташкан.

Энесай өрөөнүнүн Алтынкөл деген жеринен табылган руна сымал эстеликте Барс тууралуу кошок сөздөр: «Төрт инелгү бизни эрклиг адырти йыта. Эр эрдем үчүн иним эчим уйарын үчүн беңгүмин тике берти» – «Төрт агайын асылзат элек. Бизди Эрклиг (ажал кудайы) айырды. Аттиң! Эр жигиттик каармандыгым үчүн инимин, агамын ак сөөктүгү үчүн түбөлүктүк эстелик тургузушту» деген саптарды да өзүнө камтыйт.

Бул эстеликтердин (кошоктордун) жазылышынын өзү да «кыр-кыз бодун» деп Орхон жазмаларында аталган кыргыз элинин ички биримдигин айгинелейт. Барсбектин ордуна тактыга башка бир мураскор чыгып отурган болушу толук ыктымал. 711-жылы август – сентябрда кытайлык Тан сулалесинин императору Жуйцзун Тибетте кыргыз элчилери мурдараак келип сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу кабар алган. Бул кыргыз элчилиги Кытайга кошулууга эч ниети жок экендигин белгилегендиги алиги кабарда өзгөчө айтылат.

Капаган каган өлгөн соң (716-ж.) экинчи Чыгыш Түрк каганатынын абалы акырындап начардаганынан пайдаланып, Кыргыз каганаты өзүнүн ички-тышкы саясатын чечкиндүү жүргүзө баштаган.

VIII к. ТЫШКЫ АЛАКАЛАР

Тышкы саясатында Кыргыз каганаты Теңир-Тоо, Тибет, Кытай жергелеринин өлкөлөрү менен байланыш жүргүзүүнү уланткан. 722-жылы Тан сулалесинин ак сарайына кыргыз элчиси тегин (кагандын уулу) Исибо Шэйүчжи Биши тегин, 723-жылы болсо – тегин Цзүйли Пинхэчжун келген. Кытайга 724,747,748-жылдары да кыргыз элчилери келип кеткендиги маалым. Энесайдын Бегре деген жеринде табылган руна сымал эстеликте алтымыш жети жашында каза болгон Төр апа (Торпе) деген жогору мартабалуу адамдын он беш жашында Кытайдын императоруна жиберилгенин, ал жактан тарбия алганын маалымдаган саптар бар.

Тувадагы Хербио Баары деген жерде табылган эстеликте бир бекзаада болгон Күлүг Йиге жыйырма жети жашында Токуз татар элине жиберилгени айтылат. Ал эми Эрен Улуг аттуу элчи Тибет мамлекетине жиберилгени Энесай жазма эстеликтеринин биринде сыпатталган: «Эрдем үчүн түпүт канка йалабач бартым» – «Эрдигим үчүн Тибет ханына элчиликке бардым…»

Кыргыз каганаты экинчи Чыгыш Түрк каганаты менен тынч алака түзүүгө да умтулган. 731-ж. (кой жылы) Күлтегин өлүп, ага аш берилгенде, кыргыз каганы өз элчиси Тардуш Ынанчу Чорду атайын бул расмий жөрөлгөгө катышууга жөнөткөн. Элтерис-каганга күйөө бала болгон Барсбектин өлүмүнөн кийин кыргыздар Орхон түрктөрү менен кайрадан тышкы элчилик алакаларды жүргүзө баштаган мезгил тууралуу ушул Тардуш Ынанчу Чордун миссиясы айгинелейт.

Түргөш каганаты менен да кыргыздардын элчилик алакалары дурус түзүлгөн. Азыркы Туванын Тес жана Эрба сууларынын арасында (Энесайдын сол жээгинде) табылган эстеликте жыйырма алты жашында Түргөш мамлекетинде каза болгон элчи Эзгене тууралуу баяндалат. VIII кылымда түргөштөр менен карлуктар кыргыздардын Улуу Жибек жолуна катышуусун Энесай кыргыз каганы менен Тибеттин жана мусулман өлкөлөрүнүн соода байланыштарын чыңдоого арачы катары көмөктөш болушкан. Кыргыз аргымагы, жыпары (арабча – «миск», кыргыз жыпарын Ибн Сина да айтылуу фармакологиялык энциклопедиялык эмгегинде дарылардын бири катары эскерген), баалуу аң терилер, «хуту» мүйүзү (казылып алынган мамонттун мүйүзү), айрым баалуу дарактардын жыгачтары ж.б. сыртка экспорттолгон. Сырттан болсо жибек, фарфор идиштер, мончок-шурулар, күзгүлөр, кумаралар, каури үлүл кабыктары ж.б. ташып келинген. Улуу Жибек жолунун Кыргыз бутагы Энесай аймагын мусулман дүйнөсү, Кытай, Тибет, Теңир-Тоодогу түрктөр менен тыгыз байланыштырган цивилизациялар көпүрөсүнө айланып, жалпы прогресске өбөлгө түзгөн.

УЙГУР КАГАНАТЫ (744–840) ЖАНА КЫРГЫЗДАР

Өтүкенди ээлеп алып, Ички Азияда уйгурлар кудуреттүү бир жаңы түрк мамлекетин 744-жылдан тартып түзө баштаган. Уйгур каганы Байан-чор (Моюн-чур) барс жылы, б.а., 750-ж. Энесайдын башаттык аймагын (бүтүн Туваны) жердеген чиктерди карай жортуул уюштуруп, кыргыздарга коңшу жана ынтымакта болгон бул элди басып алган (чик деп аталган бул эл кийин чигил аты менен белгилүү).

Кийинки коён жылы (751-ж.) Ыртыш дарыясынын өрөөнүндөгү карлуктар жана айрым орхондук түрктөрдүн өкүлдөрү Кыргыз каганаты менен уйгурларга каршы саясий ынтымак түзүшкөн. Чиктер да көтөрүлүш чыгарууга камынган. Арийне, Байан-чорго арналган орхондук эстеликтин маалыматына караганда, кыргыз каганынын тез жүрмө кошуунуна кол салып, чалгынчыларын туткунга түшүргөн соң, уйгур колу Ыртышты кечип өткөн жана үч карлук уруу биримдигин талкалаган. Уйгур каганы Чиктерге атайын тутук чининдеги башкаруучуну дайындаган. 758-жылы Кыргыз каганаты Уйгур каганатына саясий жактан көз каранды болуп калган (айрым изилдөөчүлөр бул датаны туура эмес деп эсептешет жана кыргыздардын Уйгур каганатына толук көз каранды болуп калышын сегизинчи кылымдын сексенинчи-токсонунчу жылдары менен гана байланыштырышат). Кыргыз каганы сөз жүзүндө гана уйгур каганына баш ийип турган.

790–792-жылдары тибеттиктер менен тымызын келишүүгө жетишкен кыргыздар уйгур каганатына каршы кайра көтөрүлүш жасаган, бирок уйгур министри Эл Өгеси (ал – 795–805-жж. тактыга отурган Кутлуг каган) кыргыз дарга жортуул жасап, аларды аёосуз жазалаган (бул маа лымат Кара-Балгасундагы согду, түрк, кытай тилдеринд еги жазма эстелигинде чагылдырылып, кыргыз каганынын 200 миң жаа аткычы болгону анда көрсөтүлгөн).

820-жылы гана кыргыз ажосу (ажо – мамлекет башчысын билдирген титул) өзүн көз карандысыз каган деп жарыялап, Ички Азия үчүн жыйырма жылдай узакка созулган кыргыз-уйгур уруштарын баштаган.

Кытай булактарында бул тууралуу: «Бирок уйгурлар алсырай баштаар менен ажо өзүн «хан» деп жарыялады, теги түргөш болгон энесин «жесир каныша» деп жана Гэду-шехунун (карлук жабгусунун) кызы болгон аялын – «каныша» деп жарыялады» – деп эскерилет. Кийин черээк бул ажо бир катар ийгиликтүү жортуулдардан соң уйгур каганына багыштап манчыркана сүйлөгөнү кытай булактарынан улам маалым: «Сенин тагдырың бүттү. Жакында мен алтын ордоңду тартып алып, алдына аргымагымды байлап, байрагымды саямын. Күч сынашам десең, алдыма (бетме-бет) чыккының. Анте албасаң кеткиниң».

Ички саясий күрөш, мал-жанды алган жут кошулташыл болуп кыйынчылыкка баткан Уйгур каганатынын байтакты шаары Ордо-Балыкты 840-жылы кыргыз каганы 100 миң аскердик кошууну менен келип басып алды жана кытайлыктар жиберген каныша Тай Хэни туткундап, уйгур каганын өлтүрттү. Айрым уйгур төбөлдөрү өз каганына каршы көтөрүлүп, кыргыздар тарабын кол доду.

ИЧКИ АЗИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ

XI кылымдын ортосунда (840-ж. тартып) жаңы геосаясий деңгээлге чыккан Кыргыз каганаты эми жалаң гана Энесай өрөөнү менен чектелбей, Ички Азиядагы (мурдагы советтик терминология менен айтканда – Борбордук Азиядагы) кеңири мейкиндикти ээледи. Бул доорду академик В. Бартольд «Кыргыздын улуу дөөлөтү» деп атаса (1927-ж.), ал эми проф. Ю.С.Худяков болсо «кыргыз тарыхынын жылдыз сермеген сааты» деп жогору баалашканы маалым.

1900-ж. Густав Рамстедт Хангай тоолорундагы Сужийн-Даван аттуу ашуунун жанынан руна сымал жазмасы бар таш мамыны тапты. Анын текстинде (С.Г.Кляшторныйдын котормосунун жаңы варианты, 1991): «Мен йаглакар хандарын куудум Уйгур өлкөсүнөн. Мен – кыргыздын уулумун. Мен – Бойла Кутлуг Йарган. Мен Кутлуг Бага-таркан Эгенин буйрукчусумун (жогорку мансаптагы кызматкер) Мен тууралуу аңыз Чыгыш менен Батышка жетти…» – деп жазылып, Ички Азияны кыргыздар ээлеген доор тууралуу баяндайт.

Өтүкенди, жалпы эле азыркы Монголия аймагын ээлөө менен чектелбестен, 841–847-жж. ийгиликтүү согуш жортуулдары маалында жаңыча түзүлгөн кыргыз армиясы чыгышында Байкалга жана Түндүк-Батыш Кытайга, түштүгүндө – Ганьсу аймагына (Хэси коридоруна), түштүк-батышында – Чыгыш Түркстанга жана Теңир-Тоого, түндүк-батышында жана батышында Ыртыш, Том дарыяларынын өрөөндөрүнө жана Тоолуу Алтайга чейин бир нече багытта илгерилеген.

Чыгыштагы эң акыркы ири көчмөн түрк дөөлөтү болгон Кыргыз каганатынын бул Ички Азия жана Сибирь мейкиндигин жеңип алуусу IХ–Х кылымдардагы түрк элдеринин кезектеги ири евразиялык журт которууларынын өбөлгөсү болду:

Уйгурлар Монголиядан үч багытта түштүккө жана түштүк-батышка ооду, кыпчактар (жана кимектер) XI кылымдан тартып Тоолуу Алтайдан батышка жылды. Карлуктардын чордондук топтору негизинен Теңир-Тоодон Мавераннахр тарапка ооп, ал эми Теңир-Тоонун чордону чигил, тухсы, аргу, йагмалардын негизги журту болуп калды.

Жадыбал. 840-ж. кыргыз армиясынын башкаруу системасы

Каган
Аскердик башкарма  Кеңеши:
1. Хэси-бек, башкы командачы
2. Ацзүйшэби-бек
3. Амибек
3 башкы төбөл 7 министр
10 жетектөөчү төмөн башы
оор куралданган тандалма атчандар

(3 төмөн, б.а. отуз) миң аскер

Кыштымдардын, багынган элдердин

кошуунун да өз ичине алган негизги кол

(7 төмөн)

Эскертүү: I төмөн – он миң аскерден турган. Ар бир төмөндөгү миң башылар УРУУ төбөлдөрүнүн жана тархан чининдеги кызматкерлерден дайындалган. Айрым жортуулдарды бектер же министрлер өз алдынча багытта жүргүзүүгө тапшырма алышкан.

Улуу кыргыз дөөлөтү согушчан мамлекет катары гана сыпатталууга тийиш эмес. Бул доордо кыргыздар Сибирь аймагында жазма маданий салты бар өнүккөн түрк маданиятынын ээси болушкан. Алардын руна сымал Энесай жазмасы VII–ХII кылымдарда пайдаланылган. Андан тышкары кыргыздардын ичинен бутпарас (буддизм), манихеизм диндерине таандык адабиятты окуу үчүн чет тилдерди үйрөнгөн аалымдар чыккан. Араб саякатчысы Абу Дулаф кыргыздардын ыбаадатканасы жана жазуу үчүн колдонгон каламы бар экенин эскерген. Талас өрөөнүндөгү руна сымал жазмаларды (Түндүк Кыргызстан) да Теңир-Тоого чейин келген кыргыздар калтырган деген жоромол (И.А. Кормушин) айтылууда. Кыргыздар Байыркы хунну цивилизациясын андан ары өнүктүргөн түрк элдеринин бири.

Ички Азиядагы Улуу Кыргыз дөөлөтү Х к. алгачкы чейрегинде эң ири аймакты башкаруу үчүн бытыраган кыргыз төбөлдөрүнүн борбордук башкаруу системасынын начардашынан улам тынчтык жолу менен соңуна чыгып, бул дөөлөт бир нече чакан кыргыз мамлекеттерине жиктелип кеткен.

ЧАКАН КОРУТУНДУ

Байыркы кыргыздардын мамлекеттүүлүк тарыхы, демек, Ички Азиядагы байыркы этностор жана алардын саясий өтмүшү менен тыгыз байланыштуу. Бир кезде «эки миллиондуу санга жеткен эл эч качан жок болбойт» деген бир түшүнүк кыр гызстандыктардын көөнүн уялаганы эсибизде. Ал эми өз тарыхынын 2200 жылдан тереңге кеткенин, ата-бабасынын арман-тилеги ишке ашып, кайрадан эгемен мамлекетти түптөп, цивилизациянын жаңы сересине башка калктардан калышпай умтулуу шыбагасын алып жатканын туйган улут ого бетер жоголбойт эмеспи. Тек гана эскертээрибиз, жазма даректерди иргөө, археологиялык казууларды жүргүзүү, этног рафиялык жана башка иликтөөлөрдү улантуу жаатында аткараар иштердин чети оюла элек; билгенибизден билбегенибиз арбын. Бирок эң башкысы, кыргыз тарыхнаамасында күч жылды, анын бара-бара түзөлүп, сапарын улай берээрине үмүт бар.

                                                             Б. ЖУМАБАЕВ

БАТЫШТАН АЗИЯНЫН ЖҮРӨГҮНӨ ЧЕЙИН

(Свен Гедин жана Кыргыздар)

XIX кылымдын аягында – ХХ кылымдын башында Борбордук Азияны тарыхый-географиялык жактан изилдеген дүйнөлүк окумуштуулардын ичинен Швед окумуштуусу Свен Гединдин ысымы өзгөчө орунда турат. Свен Гедин миңдеген километр аралыкты, адам изи баспаган кумдуу чөлдөр, ак илбирс мекендеген аска-зоолор аркылуу Азия континентинин жүрөгү деп эсептелген Ички Азиянын түпкүрүнө чейин жетип, Борбордук Азиянын географиясынын өтө маанилүү проблемаларын, Таримдин, Памир-Алайдын, Чыгыш Түркстандын, Лобнордун географиясына байланышкан бир топ маселелерди изилдеген жана ушул жагдайдагы маселелердин чечилиши түздөнтүз Свен Гединдин ысымы менен байланышкан.

Свен Гедин дүйнөлүк география илиминин ошол кездеги корифейи Фердинант фон Рихтгофендин мектебинен тарбия алып, окумуштуу катары калыптанган жана улуу окумуштуунун жетекчилиги астында Борбордук Азияны изилдөөнү максат кылып койгон. Свен Гединдин алгач Борбордук Азияга 1890–1891-жылдары Швед королу Оскар II Персия шахына жөнөткөн элчилигинин курамында котормочу болуп келип, ал Ашхабад, Мерв, Бухара, Самарканд, Ташкент, Кашгарга чейин жетип, кайра кайтканда Ысык-Көл аркылуу мекенине кайткан.

Ал өзүнө дүйнөлүк атак-даңк алып келген алгачкы изилдөөсүн 1893-жылы 16-октябрда Швециядан чыгып Петербург-Оренбург аркылуу 1894-жылы 24-январда Ташкентке келип, Памирге болгон саякатына даярдана баштаган.

Ташкентте швед саякатчысын орус администрациясы, жеке Түркстан округунун аскер башчысы барон Веревский жылуу кабыл алган. Түркстанга орус администрациясынын жардамы менен Орто Азиянын бардык жеринде өзгөчө тосуп алып, жардам көрсөтүп узатышкан.

18-мартта Свен Гедин Мургабдагы орус чек ара бекетине келген. Бул жерден чыгыш Түркстанга аттанып, Тарим бассейнин изилдеген. Бул саякатында Лобнор көлүнө чейин жетип ошол кездеги география илиминде талаш болгон, Рихтголендин Лобнор көлүнүн жылып жүрүшү жөнүндө теориясын далилдеген.

Кашгардан Хотанга чейин 23 күн жүрүп 5-январда 1886-жылы Янгишарга келген. Шаардын айланасын изилдөө менен Хотандын байыркы тарыхына кызыгып, байыркы будда храмдарынын, дворецтеринин байыркы калдыктарын тапкан. Бул саякатында ушул чөлкөмдүн байыркы гүлдөгөн цивилизациянын борбору болгондугу жөнүндө баалуу маалыматтарды калтырган.

Кийинчерээк батыштын Стейн, Лекок, Мерцбехер сыяктуу окумуштуу-археологдоруна дүйнөлүк даңк алып келген Синцяндын археологиялык ачылыштары дал ушул Свен Гединдин маалыматтары аркылуу ачылган.

Бул саякатында Свен Гедин Ички Кытайдын миңдеген километр аралыкты басып өтүп изилдеп, Алашан жана Ордос, Баотоуга чейин жетип 1897-жылы 2-мартта Пекинге түшкөн.

Бул саякатынын баалуу натыйжасы 2 томдон турган 1898-жылы Лондондо жарык көргөн «Азия аркылуу» деген китеби болду.

Бул эмгек батышта Азиянын географиясын изилдөөдөгү илимдеги эң чоң жетишкендик катары бааланган. Китепте Азиянын географиялык абалы жөнүндө гана эмес, Азиянын калкынын социалдык экономикалык абалы, турмушу жөнүндө, анын ичинде кыргыздар жөнүндө маалымат да кеңири берилген.

Свен Гедин Борбордук Азияга болгон экинчи саякатында 30-июль 1899-жылы Оштон чыгып Кашкарды көздөй жөнөгөн. Бул саякатында Свен Гедин Лоб бассейнинин айланасындагы чөлдүү талаалардын географиялык абалын изилдөө менен б.з. 260–330-жылдары гүлдөгөн шаар болгон Лулань шаарынын калдыгын тапкан. Экинчи жолу 1901-жылдын март айларында бул жерге болгон экспедициясында көптөгөн байыркы кол жазмаларды таап, кийинчерээк аны проф. А Конрад окуп, тактап, 1920-жылы Стокгольм шаарынан «Луландагы Свен Гединдин кичи табылгалары жана кытай кол жазмалары» деген эмгеги жарык көргөн.

Свен Гедин география илимине дүйнөлүк ачылыштарды алып келген үчүнчү (1905–1907) экспедициясы болгон. Бул саякаты Свен Гедин 1895–1902 жылдары баштаган, борбордук Тибетти изилдөөнүн уландысы болгон. Экспедициянын эң чоң жетишкендиги жана натыйжасы болуп, улуу Инд жана Брахмапутри дарыяларынын башатынын ачылышы, ошондой эле белгисиз болгон Улуу Тоо кыркасын ачышы болду. Саякатчы бул тоо кырканы Трансгималай деп атаган (кийин географиялык картада Свен Гедин тоо кыркасы деп аталган). Гединдин Тибетти изилдөөсү Азиянын континентинин физикалык география илиминдеги «ак тактарды» толуктаган десек жаңылышпайбыз.

Тибет экспедициянын жыйынтыгы болуп 1917-жылдагы Стокгольм шаарында жарык көргөн 9 томдон тург ан «Түштүк Тибет. 1906–1908-жылдардагы менин изилдөөмө салыштырмалуу өткөн мезгилдин ачылыштары» дег ен фундаменталдуу эмгеги болгон. Бул эмгек чындыгынд а эле илимий чөйрөдө Азия континентинин география лык изилдөө тарыхындагы эң чоң жетишкендик болгон.

Свен Гедин Батыштын коомчулугун Борбордук Азияга болгон кызыгуусун, өзүнүн эмгектери аркылуу кеңейтип, Азиянын географиясынын жана тарыхынын пропагандалоочусу болгон. Анын саякатынын жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө 50 томго чогултулуп, дүйнөлүк 30дан ашык тилдерине которулган. Революцияга чейин СанктПетербургда анын 2 томдон турган китеби орус тилине которулуп басылган.

1889-жылы «Азиянын жүрөгүндө. Памир-Тибет Чыгыш Түркстан» деген эмгеги 1-том, 1904-жылы «Азия боюнча саякат. Тарим – Лобнор – Тибет». 2-том болуп жарык көргөн.

Ушул эмгектери үчүн Свен Гедин Россия География коомунун күмүш жана чоң алтын медалдары, швед королунун алтын медалы менен сыйланган.

Саякатчы Борбордук Азияны комплекстүү көп тармактуу изилдөөнү максат кылган, бул ою 1927-жылы Кытай-Швед илимий экспедициясын уюштуруу менен ишке ашкан. Экспедициянын курамы 27 ар тармактан изилдеген швед, немец, кытай окумуштууларынан турган. Экспедициянын негизги максаты Борбордук Азияны геологиялык, археологиялык этнографиялык жактан изилдөө болгон. Бул экспедиция беш жыл бою Ички Азияда ар тармактуу илимий изилдөө жүргүзгөн.

Свен Гединдин кыргызтаануу илиминде эң эле баалуулугу анын 1894–1897-жылдардагы Памир-Алайга жана Чыгыш Түркстанга болгон саякаты жана жогоруда белгиленген, англис тилинде чыккан «Азия аркылуу» жана орус тилинде жарык көргөн «Азиянын жүрөгүндө» аттуу эмгектери болуп эсептелет. Бул үч жыл, жети айга созулган экспедициясында Памир-Алайдын жана чыгыш Түркстандын кыргыздарынын жана башка элдеринин арасында болуп, алардын жашоо образын, этнографиясын изилдөөдө чоң илимий табылга жараткан.

25-январда Ташкенттен Коконду көздөй чыгып Маргалан, Үчкоргон аркылуу Исфайрам дарыясын бойлоп, Теңизбай ашуусун ашып Алай өрөөнүнө түшкөн.

Этникалык жактан Алайдын калкы төмөндөгүчө жайгашкан: Дарауткоргондо, Туздарада жана Алтындарада – тейит уруусу, Кашкасууда – тейит жана чал тейит, Көксуу да – найман, Каратегинде – кыпчак жана каратейит уруулары жашайт.

«Алай өрөөнүндө жер үйлөрдөн турган 15 кичинекей кыштакчалар жайланышкан, бардыгы болуп 270 жер үй бар» – деп жазат саякатчы. «Бул жердин тургундары жыл бою ошол жер үйлөрдө турушат же болбосо жайында бийик жайлоолорго көчүп кетишет. Ошол 270 жер үй төмөнкү кыштактарда жайланышкан: Дарооткоргондо – 20, Көксууда – 120, Кызылүңкүрдө – 50, Алтындарада – 5,

Туздарада – 45, Кашкасууда – 2, Жиптыкта – 20.»

Саякатчынын эмгектеринде Алай өрөөнүнүн калкынын жайгашылышы, саны, уруулук бөлүнүшү ж.б. ушуга окшогон тарыхый этнографиялык мааниси бар материалдарды табууга болот. А л а й г а келгенде ал алгач кыргыздар жана алардын турмушу менен жакыныраак таанышат. «Мени алаксытуу үчүн мага концерт беришти» – дейт Свен Гедин. «Мен жашаган боз үйдүн алдына келип, кыргыздардын бири үч кылдуу инструментте комузда (кобыз – деп жазган Свен Гедин) ойноп кирди, кылдарын бармактары менен терип чертет. Музыкасы бир калыпта, кайгылуу болгон менен сезимге жык толгон, чыныгы азиялык мүнөздө ошондой болсо да, мен аны оттун алоолонгон үнү, шамалдын ызылданган добушунун коштоосунда чын дилден уктум. Ушул узак жылдардын ичинде бул жөнөкөй үч кылдуу инструментти угуп, узун караңгы түндөрдү өткөрүүгө туура келди. Бул музыкага ушунчалык көнүп кеттим, ал жергиликтүү туземдиктерге канчалык ырахат тартууласа, мага да ошончолук ырахат алып келди. Бул музыканы сүйгөнүмдүн себеби бул үн аркылуу мекен жөнүндө ушунчалык таттуу кыялданасың.

Көп жолу узун түндөр бул дирилдеген кылдардын коштоосундагы ыр-күүлөр мени алдейлете терметти».

Мындан сырткары Свен Гединдин эмгектеринде Алай өрөөнүнүн администрациялык түзүлүшү, калктын саны жөнүндөгү кызыктуу маалымат табууга болот. Алай өрөөнүнүн батыш тарабы Маргалан, ал эми чыгыш бөлүгү Ош уездине карагандыгы жөнүндө жазылган. Ошол мезгилде Алай өрөөнүндө калктын аз жайгашкандыгын белгилейт. Ошондой болсо да жогоруда белгилегендей алайлык кыргыздардын 270 түтүнүнө 20580 кой-эчки, 1703 топоз, 383 төө жана 280 ат туура келерин жазган.

Бул маалымат кыргыз чарбачылыгында топоздун башка ири мүйүздүү малдарга караганда басымдуулук кылгандыгын көрсөтөт, анткени топоз тоолуу шартта эт, сүт менен гана камсыз кылбастан жүк ташуучу унаа катары да колдонулган.

Белгилеп кетүүчү нерсе Свен Гедин Алай өрөөнүнүн соода-экономикалык ролу жөнүндө да туура белгилеген, анткени «Улуу Жибек жолунун» бир бутагы дал ушул өрөөн аркылуу өткөндүгүн жазат.

1894-жылдын март айларында Свен Гедин Алай өрөөнүнөн Кызыларт ашуусу аркылуу Каракөлдү Памир чек ара бекетине жетип, анын начальниги капитан Зайцев менен жолугат (Зайцев кийин Ош уездинин начальниги да болгон – Б. Ж.).

Памирлик кыргыздар Россиянын курамына киргенде, падыша өкмөтү 2 волостука, 7 эминдикке бөлгөн:

  1. Памир волостугу 5 эминдиктен турган: 1) Каракол (131 тургун жашаган), 2) Мургаб (253), 3) Раңкөл (103), 4) Акташ (239) жана 5) Аличур (256).
  2. Кударан волостугу 2 эминдикке бөлүнгөн: 1) Серез (95), 2) Кударан(155).

– Памирде дээрлик кыргыздар жайгашкан, – деп белгилеген, Свен Гедин 1893-жылкы калктын санынын статистикалык маалыматты берген, 1.232 адам жашап, анын 320 эркек, 369 аял, 342 эркек бала жана 201 кыз болгон. Ал эми бул сан 1892-жылга салыштырганда жалпы 197 адамга өскөндүгүн белгилейт.

Памирде кыргыздардын арасында жашагандыгын ал мындайча жазган. «Акырындык менен кыргыздарга да көнүп кеттим. Аларга мен өзүмдүн досумдай мамиле жасап, алардын боз үйлөрүндө жашап, жеген тамактарын жеп, алар минген топозун минип, көчсө кошо көчүп жүрдүм, аягында чындыгында эле кыргыз болуп калдым. Ошондуктан алар мени: «Сиз энди кыргыз болдуңуз» – деп тамашалашчу (Свен Гедин ушинтип жазган).

Саякатчы Памирдеги кыргыздардын улак тартышка күбө болуп, аны төмөнкүдөй сүрөттөп жазган. «Биз оюн белгиленген жерге келгенде, атчандардын тобу уламданулам көбөйө берди. Мени эң сыйлуу төргө өткөрүштү, бул жерде 111 жаштагы сулуу абышка Хоат Бек (мүмкүн Кубатбек – Б. Ж.), картайып болуп калган беш баласынын жана бир топ атчандардын тегерегинде туруптур. Жылдардын өтүшү, абышканын белин бир аз ийсе да, ат үстүндө бекем, жигиттей отурат. Ал үстүнө кызгылт көгүш чапан кийип, күрөң сактыян (жука булгаары) өтүк жана башына күрөң чалма оролгон. Кыргыздардын бардыгы ага ардак сый менен мамиле кылышат, бектер аттарынан секирип түшүп, урмат кылып жүгүнө салам берип жатышты, ал саламдарына жооп кылып башын ийкеди. Абышка бир мезгилде жалпы Сарыколдук кыргыздардын чоң беги болгон. Ал өзүнүн жеке ой түпкүрүнө кирип унчукпай калбаса сөзмөр, кызык аңгемелерди айтканга уста. Анын 7 уул, 5 кыз, 43 небере, 16 чебереси бар. Бардыгы бир айылда жашап, боз үйлөрүн жайында Каракөлдүн боюна тигишип, кышында Басыккөлгө түшүп келишет. Абышканын эң улуу уулу Ашурбек абдан тамашакөй адам, ал өзүнүн атасы жөнүндө айтып отуруп, анын 4 кыргыз аялы болгондугун, анын ичинен экөөсү 90 жаштан өтүп алиге чейин тирүү экендигин, ал эми ар мезгилде Кашгардан сатып алып келген жүзгө жакын сарт аялдары тажаткан мезгилде кайра кетирип жибергендигин айтып берди.

Биздин астыбызга бир койду жетелеп келишти. Кыргыз жигит курч бычагы менен койду мууздап жиберди да анан кан токтогонго чейин койдун башын кармап турду. Бул койдун эти ошол мелдеште уткан адамга сыйлык катары берилмек. Анан заматта эле атчан адамдардын бири жетип келди да, койдун бүкүлү этин эңип алып, четке узап кетти. Бир нече минут өткөн соң атчандардын чоң карааны кутургандай дем менен бизге келип жетти. Бул өрөөндө мал-кел көп жайылгандан бир тал да чөп калган эмес. Эми сексен аттын такасы бул жерди тепселеп турду. Кулак тунжураткан дүбүрткө жигиттердин ачуу кыйкырыктары, үзөңгүлөрдүн кагылыштары аралашып турду. Алдыда турган атчан өлгөн койду куду менин атымдын астына таштады. Менин көз астыман жапайы Гундардын жана Ватагдардын каракчыларынын ордосу басып өткөндөй болду. Анан алар талааны бир кыдырып келишип, кайра биз турган жерге келишти. Кимдин астына келип кой таштаса ал бул урматка сый көрсөтүп, дасторкон жайып эле алтын теңге чачуучу кыргыз элинин салты. Мен да ошенттим. Эми эле четке чыга берсек атчандардын жапайы тобу кайра пайда болду. Алар али муздай элек койдун денесине үзүлүп түшүштү. Бир кап алтынды талашкандай каршылашуу башталды. Мен чаң-тополоңдун арасында эч нерсени айырмалай албай калдым. Аттар мүдүрүлүп жыгылып жатышты. Ээрдин кашын бекем кармаган эр азаматтар жерге чейин ийилип койду илип кеткенге далалат кылып жатышты. Айрымдары жерге кулап түшсө айрымдары ат жабдыкка илинишип турушту. Баары койдун денесин алып кетүүгө жан талашат. Улам жаңы атчандардын тобу келип кошулуп, алар баарын тепсеп кетүүгө ниеттенип жатышты. Жылкынын кишинеги, адамдардын кыйкырыктары угулуп турду. Чаң асманга көтөрүлүп чыкты. Мындайда кээ бири-бирин жолтоо болууга да уруксат берилген. Мисалы, атаандаштын атын тизгинден тартуу, же камчы менен тумшукка уруу, же ээрден өз атаандашын түртүп салуу. Элдин жалпы бушайманы эки адам топоз минип келгенде андан да күчөдү. Тополоңдун ичине киргенде топоздор мүйүздөрү менен аттарды сүзүп кирди. Аттар да аларды тепкилеп баштады. Буга топоздордун андан да кыжыры келди окшойт. Эми нак букалардын оюну башталды. Акыры бир атчан жигит койду илип кетти да, аны ээрдин кашына бекем кысып талааны бир айланып чыкты. Анын артынан шамалдай болуп калгандары чаап жөнөштү. Бир заматта көздөн далда болушту. Кайра эле бир-эки минут ичинде ондой атчан кайра пайда болуп түз эле бизге атырылып жөнөштү. Бизди тепсеп кете тургансып жакын келишти да терс бурулуп кетишти. Биздин бутубуздун астына дагы койду таштап кетишти. Ошентип бул койдун денеси үчүн күрөшүү бир нече жолу кайталанды.

Ошол кезде мен Хоат-Бек аксакалды байкадым. Ал оюнга катышпай турду. Мен Хоат-Бек аксакалга бул оюн үчүн карылык кылам десем аксакал ордунан каткыра күлүп мага карап: – Жүз жыл мурун ушу мендей куракта улак чаап жүргөндүгүн айтты. Эсептесем ал менин жашыман төрттү жашаган чал экен. Анан көк бөрү оюну Тогдасын-Бекти катуу дүүлүктүрүп акыры ал чыдабай өзү тартышка аралашып кетти. Бир жолу ийгиликке да жетишти. Бирок бети-башы көгөрүп, канжалай биздин катарыбызга кошулду. Анан кайра тынчтанып жөн эле көрүүчү болуп калды. Оюндун жүрүшүндө көптөр көйнөктөрүн чечип ыргытышты. Айрымдары эч жарат албай эле четке чыга беришти. Дагы бирлери сайдагы сууга кан болгон беттерин жууп жүрүштү. Аттары аксап жүргөндөр да болду. Чынында өтө көп деле жабыр тарткандар болгон жок. Бул Кыргыз элинин ар бир жараны жаш кезинен атка шамдагай өсүп, ээрге бекем отургандыгынан экени билинип турду. Оюндан кийин меймандарды боз үйгө сый тамакка чакырышты. Ал жерде атайын ырчылар, комузчулар болуп өз ыр-күүлөрүн элге тартуулашты.

Свен Гединден ошондой эле кыргыздардын үй-бүлөсүнүн турмушу, балдардын төрөлүшү, үйлөнүү жөнүндөгү маалыматтарды да табууга болот.

Саякатчынын байкоосунда үй-бүлөдө патриархалдык тартип катуу сакталган. Памирдик кыргыздарда баш кошуу көбүн эсе салт боюнча ата-энелердин эрки менен жасалган. Келин тандоодо атасы өз баласынын оюн да угат, бирок акыркы чечимди өзү кабыл алат. Бирок байдын баласы экинчи жолу үйлөнгөндө да эч ким менен кеңешпей өзү каалаган кызга үйлөнө берет. Эгерде жигиттин атаэнеси жок болсо да, келинди өзү тандап үйлөнөт, келиндин ата-энесине ал сөзсүз калың төлөөгө милдеттүү. Бай үй-бүлөлөр келин үчүн 2–3 жанбы (1 жанбы орус акчасы менен 80–90 сомду түзгөн), кедей үй-бүлөлөр бир-эки ат жана топоз менен калың төлөшөт.

Баш кошууда социалдык айырма бай жана кедей үй-бүлөдөн кескин көрүнөт. Бай үй-бүлө, өзүнүн тегине, байлыгына жараша кудалашууга аракеттенет, ошондуктан, кудалар өздөрүнө теңебегенде баш кошууну бузууга тырышышат.

Той качан гана калың толук төлөнүп бүткөндө башталат. Баш кошкондорго арналып боз үй тигилип, коноктор чакырыла баштайт. Келин өзгөчө мурунтан даярдалган кооз кийимдерди киет. Коноктор келгенден кийин кой союлуп, дасторкон жайылып түркүм-дүйүм даам татымдар коюлат. Атайын молдо келип никесин кыят, нике кыйганда молдо өзүнчө курандын бир бөлүгүн окуп, жигит менен келинге ата-энелерге, бири-бирине кандай мамиле кылуу керек экендигин, шарияттын жолдорун түшүндүрөт. Демейде тойду кыз алып жаткан айылда, кыздын үйүндө өткөрүшөт. Кыз алууда дагы бир топ каада-салттар бар, ушул салттар бүткөн соң кыз, келин болуп баруучу үй-бүлөгө көчүрүлөт да жаш жубайлар өзүнчө тигилген боз үйгө киргизилет.

Кыргыздарда бала төрөлгөндө туугандарынын бардыгы куттуктап келишип, кой союлуп, кичинекей той уюштурулат да, үчүнчү күнү молдо келип, азан чакырып балага ат коёт. Молдо китептен балага ат издейт, анда кайсы күнү төрөлсө ошого жараша ат тандап алынат. Баланын аты, ага атасынын аты кошулуп уулу деген сөз кошулат, мисалы: Кенже Сатыбалды уулу.

Свен Гедин Памирдеги кыргыздардын турмушунан, салт-санаасынан ушундай кичинекей үзүндүлөрдү келтирип жазган. Бирок ошол кыска маалыматтар өткөн кылымдагы Памир-Алай кыргыздарынын каада-салтын, үрп-адатын, жашоо шартын бүгүнкү тарых, этнография илиминин деңгээлинде изилдөөгө көп жардам берүүдө.

Свен Гедин да Борбордук Азияга келген көпчүлүк саякатчылар сыяктуу эле ал да коомдогу кыргыз аялдарынын орду жана ролу жөнүндө да жазып кеткен.

Эң оор жумуштардын бардыгын кыргыздардын аялдары аткарат. Алар боз үйдү тигип, чечип килем, таар токушат, жип ийрип, аркан жасашат, топоз жана эчки саашат, балдарды да тарбиялашат, дегинкиси бардык тиричилик ушул карапайым аялдардын мойнунда. Бирок башка Азиянын аялдарына караганда эркин. Эркектер болсо эч нерсе деле жасашпайт, топоздорду, башка малдарын алыскы жайлоолорго айдашат. Өздөрү ат менен коңшу айылдарга барып мал сатышат же товарга алмаштыруу менен алек болушат.

Свен Гединде мындан сырткары кыргыздардын үйтиричилиги, тамак-ашы, өлүк көмүүсү жөнүндө кыскача маалыматтар да бар.

Свен Гединдин колу менен тартылган кыргыздар жөнүндө этюддары, фотосүрөттөрү да этнографиялык чоң маалымат боло алат.

Швед окумуштуусуна дүйнөлүк даңк алып келген узак жылдар бою жүргүзүлгөн Борбордук Азиялык саякатын кыргыз жигиттери коштоп жүргөндүгүн өзү ыраазычылыгы менен белгилейт. Ош шаарына келип өзүнүн экспедициясын коштоп жүргөнгө жигит тандап, бул жүнүндө ал төмөнкүдөй эскерет: «Эки атчан кыргыз жигитинин бири кубаттуу тулку бою келишкен адам, бул оштук Исламбай эле, ал биздин узун сапарыбыздын бардык мезгилинде менин жакын кызматкерим болгон. Мен азыр ал жөнүндө эң сонун пикиримди айткым келет, ага чындыгында эле мен абдан карызмын. Ал аба ырайынын бардык шарттарында, ар кандай коркунучтарда менин жанымда болду. Ал мени алгачкы жолу көрүп, кайда барабыз дебестен, өз үйүн, үй-бүлөсүн Ошко таштап, Азиянын түпкүрүндө күткөн белгисиз тагдырды мени менен тең бөлүштү. Гобинин ызгаар чөлдөрүндө, таңдай кургап, өлүм үстүндө менин жазган кагаздарымды, карталарды сактап калды. Ал эч ким ашпаган ак мөңгүлүү бийик бел болсун, ташкындаган суу болсун кербендин башында болуп, биринчилерден болуп жол баштаган, тунгустар бизге кол салганда да өзүнүн ордунда болуп жолдошторун сактаган.

Ал мага ченелгис кызмат көрсөткөн, эгер ал болбосо, менин саякатым мындай ийгиликтүү болбос эле.

Исламбай Свен Гединдин аракети менен анын экспедициясынын эң коштоочусу катары швед королу Оскар алтын медалы менен сыйлаган.

Бирок бул адамдын биздин тарыхыбызда толук ташталбагандыгы өкүнүчтүү.

 К.МОЛДОКАСЫМОВ

КОКОН ОРДОСУНДА КЫЗМАТ ӨТӨГӨН КЫРГЫЗ ААЛЫМЫ

1992-жылы тарых илиминин кандидаты, белгилүү окумуштуу Анвар Мокеев Стамбул университетинин китепканасынан Кокон тарыхына байланыштуу көлөмдүү кол жазманы тапкан. Бул 833 барактан же 1666 беттен турган кол жазма китепканачылардын берген аты боюнча «Фергана хандарынын тарыхы» деп аталган. Ал XIX кылымдын 2-жарымында эски чагатай тилинде жазылган. Кол жазма тууралуу окумуштуу Анвар Мокеевдин билдирүүлөрү Түркияда жана Кыргызстанда көптөгөн кызыгууларды жаратты.

Анвар Мокеевдин баяндамаларына караганда кол жазмада окуялардын жылдары көргөзүлбөгөндүктөн, аларды тактоо бир топ машакаттуу жумушту талап кылат. Кол жазманын автору Магзуми деп гана көргөзүлүп, автордун ким экени такталган эмес. Ошондой эле бул кол жазманын Стамбул университетине кандайча барып калганы да табышмактуу. Болгону эмгектин автору: «Кудаяр хан өлгөндөн кийин кол жазма ээсиз калды. Хандын балдары бул китептин баркын түшүнбөдү», – деп китепти Түркиядан келген Абдурахим эфендинин колуна өткөрүп бергени кол жазмада жазылган. Сөз болуп жаткан баалуу кол жазма бүгүнкү күнгө чейин тарыхчылар тарабынан толук талдоого алына элек. 1994-жылы кол жазма тууралуу окумуштуу Анвар Мокеевдин макаласы түрк тилинде Түркиядан жарык көргөн. (Аnvarbek Mokeev Hokand hanligi tarihine ait yeni bilgiler. Istanbul//Bir, N№1, 107–113-бб., 1994). Биз алдыда окумуштуу Анвар Мокеевдин баяндамаларына жана жарык көргөн ушул илимий макаласындагы маалыматтарга таянмакчыбыз.

Бул кол жазма буга чейин Кокон хандыгынын тарыхына арналган белгилүү жазма булактарга караганда көлөмү жагынан да, мазмуну жагынан да бир топ айырмаланып турат. Анткени илимий чөйрөдө негизги тарыхый булак катары эсептелип келинген Молдо Нияз Кокондинин перси тилиндеги «Тарыхы Шахрухи» аттуу эмгеги 350 беттен ашпайт. Анын үстүнө ал отурукташкан элдердин кызыкчылыгында жазылып, көчмөн элдин хандыкка карата мамилеси, анда ээлеген орду үстүртөн гана баяндалган. Ошондой эле Молдо Нияздын эмгеги 1876-жылга чейинки гана окуяны камтып, андан кийинки Кудаяр ханга байланыштуу маалыматтар жок.

Жаңы табылган кол жазманын башка тарыхый булактардан дагы бир өзгөчөлүгү анда «Алтын Бешикке» байланыштуу идеологиялык санжыранын жоктугу. Захреддин Бабур Индияга жер которуп качууга аргасыз болгон учурда ал өз баласын таштап кеткени жана анын урпактары Алтын Бешик кийин Кокон хандыгын негиздеп, башкарып калды деген саясий санжыра тууралуу кол жазмада эскерилбейт. Анын негизги бөлүгүн Кудаяр хандын мезгилиндеги саясий окуялар, Кудаяр хандын жеке керт башына байланыштуу баяндамалар түзөт. Кудаяр хандан мурдагы хандардын, бийлердин Адам атага чейинки тарыхы эмгектин алгачкы 16 бетин гана түзөт. Кол жазманын кийинки бөлүктөрү Шералы хандын тактыны ээлеши (1842-жыл), андан соң Кудаяр хандын эл сурап турган учуру, Исхак хандын (Полот хандын) тактыны ээлегени, Кудаяр хандын 1875-жылдан кийинки тагдыры, тактап айтканда, анын Оренбург шаарына сүргүнгө айдалганы жана ал жерден качып чыгып, Индия аркылуу Меккеге барып ажы болгону, андан келе жатып Афганистанда каза болгону кеңири баяндалган. Эмгектеги

1875–1876-жылдары тактыны ээлеп турган Полот хандын Исхак хан деп өз аты менен берилишин да өзүнчө жаңылык катары кароого болот.

Кол жазманын автору Магзуми эмгекти Кудаяр хандын өтүнүчү менен баштап, аны жазууга 22 жыл убактысын жумшаган. Ал эми эмгек жазылып бүткөн соң, Кудаяр хан каза болуп, анын балдары баалай албагандыгы үчүн кол жазманы Түркиядан келген Абдурахим эфендиге берип салганы белгилүү. Бирок автор өзү тууралуу башка маалыматтарды жазбаганы үчүн анын ким экенин тактоо бир топ кыйынчылыкты жаратты. Биз ар түрлүү тарыхый булактарга кайрылып, аларды салыштырып отуруп, аталган кол жазманын автору ким экенин тактоого аракет жасадык. Кол жазманын автору Магзуми ким болгон? Аталган кол жазма кандайча Абдурахим эфендинин колуна тийген?

Адегенде Абдурахим эфенди тууралуу маалыматтарга кайрылалы. Кол жазмадагы маалыматтарга караганда Абдулазиз уулу Абдурахим эфенди менен Кудаяр хан 1882-жылы Меккеден келе жатканда Стамбул шаарынан таанышат. Алар үч айдан ашуун убакыт чогуу жашашып, ошол мезгилде Кудаяр хан бардык арыз-муңун ага айтып берген. Абдурахим эфенди Кудаяр ханга алынын жетишинче жардам берээрин билдирет. Аны уккан хан кайрадан Коконго барып хан тактысын ээлегиси келээрин жашырбайт. Атүгүл Түрк султанынан жардам суроо тууралуу Абдурахим эфендинин сунушун жактырат. Ошону менен бирге Кудаяр хан андан: «Эгер Ферганага барып калсаң, ал жерден бир учурда карыз болуп калган бай адамдардан 12 миң алтын акчасын уулдары жана аялдары үчүн өндүрүп берүүсүн суранып, ага тиешелүү тил каттарын, документтерин ишенип берген».

Андан соң Абдурахим Кудаяр хандын өтүнүчүн Түрк султаны Абдулхамит IIге билдирүү үчүн кетет. Абдулхамит II Кудаяр хандын өтүнүчүн кунт коюу менен угуп, ага жардам берүүгө ынтызар экенин билдирет. Бирок ал учурда хандын жанындагы айрым адамдар Кудаярды Керхитке (Корух, айрым маалыматтар боюнча Корхут – М.К) алып кетишкен болот.

Корухтан Кудаяр хан түбү ферганалык Шейх Шаадат Пенах эшендин уулу Вели эшен менен таанышып, анын үйүндө туруп калат. Бат эле Кудаяр хандын кабары аны тааныган адамдар аркылуу Герат шаарынын башчысы Кундуз менен Кабул шаарынын башчыларына белгилүү болот. Алар ханга элчилерин жибертип, кайрадан тактыны ээлөө сунуштарын айтып, эгер макул болсо, ага жардам берүүгө даяр экенин билдиришет. Бирок Кудаяр хан бийликте турган учурда көп жаман иштерди жасаганын, кайра такка отурбасын айтып, алардын сунушунан баш тартат. Шаар башчылары анын эркине койбой, кайра такка отургузууга аракет жасашкан. Кудаяр хандын ден соолугунун начар экени менен да алар эсептешкиси келбейт.

Жолго жуп чыгаардын алдында (1883-жылы) Кудаяр хан Шейх Шаадет Пенах эшендин мазарына сыйынууга барып, ошол жерден айыкпас илдетке чалдыгып, көп өтпөй каза болот. Аталган кол жазмада негедир анын дүйнөдөн кайткан жердин аты так жазылбай Керхит же Корух деп берилет. Биз Өзбекстандын Борбордук мамлекеттик архивинен Кудаяр хандын өлгөнүнө байланыштуу документтерди изилдегенде төмөнкүдөй маалыматтарга туш болдук. Анын биринчиси, Ташкенттин дипломатиялык бөлүмү боюнча чиновниги Жданов Кашгардын башкаруучусу Беккули бектин айтканына таянып, Кудаяр хан Кабулдан Кандагарга бара жаткан жолдо каза болгонун билдирет.

Ал эми Кудаяр хандын уулдары Мухаммед Амин бек менен Сеид Омар бек 1888-жылдын 14-июлдагы Түркстан генерал-губернаторуна жазган катында атасынын Гераттын жанындагы Карух деген кыштакта каза болгонун билдиришет. Түбү хивалык, ал учурда Ташкентте жашап жаткан Турдубай ажы Утамышев Меккеге барып, кайра келе жатканда Кудаяр хан менен чогуу болгонун жана ал Гераттын жанында көкүрөгүнөн кагынып, бир айга жакын ооруп, Карух деген кыштакта өлгөнүн бышыктаган. Кудаяр хан каза болгондо ал жанында болуп, тажиясына катышканын, анын жанында 100 тиллага жакын акчасы болгонун, аны Гераттын беги Кундуз алганын Турдубай ажы Утамышев билдирген. Ал эми Кудаяр хандын үйбүлөлүк турмушун иликтеген Михаил Алибеков да анын Герат провинциясына караштуу Куррух деген жерде өлгөнүн жазат. (Алибеков М. Домашняя жизнь Худаяр хана, Ежегодник Ферганской области. т.2, Новый-Маргелан 1903).

Жогорудагы маалыматтар Кудаяр хандын Герат шаарынын жанындагы Карух кыштагында дүйнөдөн кайтканын бышыктайт жана кол жазмага толуктоо кир гизет.

Ал эми Абдурахим эфенди түрк султанынын жардам берүүгө макул болгонун кабарлаш үчүн кайра келгенде, Кудаяр ханды таппай калат жана кийинчерээк анын өлгөнү тууралуу кабарды угат. Ошондон кийин Кудаяр хандын осуятын аткаруу үчүн (кайсыл жылы келгени белгисиз) Ферганага, андан Ташкентке келип анын уулдары Сейид Мухаммед Амин бекке, Сейид Омар бекке жана Сейид Насуруллахка жолугат. Атасынын аласаларын өндүрүүгө көмөктөшөт.

Кудаярга бересеси бар айрым адамдар, Полот хандын мезгилинде мүлктөрүнөн ажырашканын, карыздарын төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугун билдиришет. Бирок анын талабы, уулдарынын талаптары боюнча акыры алар карыздарын берүүгө аргасыз болушат. Абдурахим эфенди Ташкентке, Ферганага келгенде ханды жакшы билген адамдарга жолукканы белгилүү. Жогоруда айтылгандай кол жазмада анын качан келгени тууралуу жазылган эмес. Бирок Өзбекстандын архивинен табылган документтерге караганда Абдурахим эфенди 1887-жылдын аягында, 1888-жылдын башында келгендей. Анткени Кудаяр хандын балдары 1888-жылы атасынын документтеринин негизинде Түркстан генерал-губернаторунан атасынын өлгөнү тууралуу күбөлүктү берүүсүн жана калтырган мүлккө мураскорлук укукту бышыктап берүүнү өтүнүшкөн. Ошол мезгилде Оренбург шаарындагы банкта Кудаяр хандын 3266 рубль 23 тыйыны сакталып турган. Мындан сырткары Оренбург шаарында Кудаяр хандын 10100 рублга бааланган үйү бар эле. Ушул документтердин бардыгын Кудаяр хан Стамбулда Абдурахим эфендиге берип, ал анын уулдарына 1887-жылдын аягындаТашкентке келгенде бергенин болжолдоого негиз бар.

Эми кол жазманын автору Магзуми менен Абдурахим эфендинин жолугушуусуна кайрылалы. Кол жазманын аяккы бөлүгүн Магзуми Абдурахим эфендиге жолукканы жана кол жазманы анын колуна тапшырганы менен бүтөт. Магзуми Абдурахим эфендиге кайрылып, көп иштерди чечип, өз-өз ордуна койдуңуз. Эми менин бир арманым бар, – деп китепти 22 жыл бою жазып келе жатканын, ал Кудаяр хандын буйругу менен башталганын, хан артымда бир «Шахнааме» калсын деп тилек кылып, айрым окуяларды өзү айтып берип жаздырганын айтат. Кол жазманы хан улам-улам окутуп укканын, ал гана эмес сүйүктүү аялы Шахраза ханумга (Шааим – К.М.) да окуп бергенин билдирет. Кудаяр хандын үй-бүлөлүк турмушун иликтөөгө алган эмгегинде Михаил Алибеков да Кудаяр хан ар күнү кечинде «Шахнааме», «Хамзанаамени» окутуп угаарын жазган. Ошентип бул эмгекти Кудаяр хан улам-улам угуп, өзүнө жаккандай кылып жаздырганы эч кандай талаш туудурбайт. Ал эми эмгектин автору Магзуми кол жазма ээсиз калып, хандын балдары ал китептин баасын түшүнө албаганына арман кылып, аны Абдурахим эфендинин колуна бердим деп эмгегин бүтүрөт. Кол жазманы ага сатканбы же белекке бергенби, ал тууралуу маалымат жок. Бул кол жазмада баяндалгандай Абдурахим эфенди Кудаяр ханды жакшы билген көп адамдарга жолукканына караганда Магзуми менен да Ферганада Анжыяндын жака белинде 1887-жылдын акырында, же 1888-жылдын башында жолугуп, кол жазма анын колуна ушул жолугушуулардан кийин тийгендей. Эмгекти берээрдин алдында Магзуми андан уккан акыркы маалыматтарды да китепке түшүрүп толуктап бергени кол жазмадагы окуялардын баяндалышынан даана көрүнөт. Ошентип эмгектин 22 жыл жазылганын эске алсак, ал 1866-жылдан 1888-жылга чейин жазылганын тактоого болот. Кудаяр хан 1865-жылы 3-жолу тактыга кайра отургандан кийин өзү тууралуу «Шахнааме» жаздырганга киришкендей. Аны жазууну ошол кездеги эң билимдүү адамдардын бири Магзумиге тапшырганы белгилүү.

Кудаяр хан өзү тууралуу «Шахнааме» жазууну ишенип тапшырган Магзуми өзү ким болгон? Ордодо зор кадырбаркка бөлөнгөн бул инсан кайсыл элдин өкүлү эле? Бул суроолорго тарыхый документтерден гана ачык жооп алаарыбыз бышык.

Магзуминин Кокон хандыгында кадыр-барктуу, билимдүү адам болгону тууралуу Исхаккан Жунайдулла кожо уулунун (Ибрат) 1916-жылы жазган «Тарих-и Фаргона» деген китебинен учуратабыз. 1863-жылы 9-июлда Алымкул аталык баштаган кыргыз-кыпчактар Кудаяр ханды экинчи жолу тактыдан кууп, анын ордуна Мала хандын 12 жашар уулу Султан Сейитти такка отургузаардын алдында Маргаландын Жармазар деген жеринде өргүү алып, хандыктагы кадыр-барктуу инсандарды жыйнап кеңеш өткөрүшкөн. Кеңеште Молдо Алымкул сөз алып: «Мамлекетибизде болуп жаткан бейсарам-жалдуу окуялардын негизги себеби баарыбыз бир кишиге баш ийбегендиктен болуп жатат. Ошондуктан бир инсандын хандык кылуу сулаазым. Мындай даражаны аркалоого кимге насип кылынсын деп ойлойсуздар?» – деген суроо койду. Кокон уламаларынын эң абройлуусу Зиявуддин Магзумдун: «Бул кызматка өзүңүздөн артык адам көрүн бөйт» деген сөзүн укмаксанга салган Алымкул кайрадан: «Ал адамды тагыраак айтыңыздар»,– деп кайра элге кайрылат. Зиявуддин Магзум мурунку сөзүн дагы кайталады. Ошондо Алымкул Зиявуддинге кайрылып: «Сиз мени көрсөтөрсүз, бирок менин ниетим хан болуу эмес, мамлекетке кызмат кылуу. Мен кызматка бел байлаган кишимин. Андан көрө ханзаадалардан бирөөнү көрсө түңүздөр»,– деди. Көпчүлүк ары кетип, бери кетип: «Атасы көпчүлүктүн жолунда жүрүп каза болгон эле, өзү жетим»,– дешип Малабектин уулу Султан Сейитке токтолушту. Алымкулдун көз карашын баамдап отурган көпчүлүк, бул сунуш анын купулуна толгондугун байкашты да: «Бул орунга Султан Сейит ылайыктуу»,– дешип жаалап жиберишти. Ошентип Султан Сейит ак кийизге салынып хан көтөрүлдү…

Бул эмгектеги окуялар ошол жыйынга катышкан адамдын оозунан алынып жазылганы талаш туудурбайт. Бул жерде Зиявуддин Магзуминин билимдүү, абройлуу инсан экени айтылганы менен ал кайсы элдин өкүлү болгону тууралуу эч сөз болбойт. Бирок Алымкул аталыкты жактап, аны колдоого алып батынып сүйлөгөнүнөн улам, ал көчмөн элдин өкүлү болгонун боолголосо болот. Магзуми Алымкул аталыктын доорунда ордодогу абройлуу кызмат орундарды ээлеп калганынан шек жок.

1865-жылы Кудаяр хан үчүнчү жолу тактыны ээлегенден кийин Магзуми анын кол алдында катчы, иш башкаруучусу болуп иштеп калганын айрым жазма булактар бышыктайт. 1907-жылы жарык көргөн «Курманжан датка Алайлык кара кыргыздардын канышасы» аттуу белгилүү макаланын автору И. П. Ювачев 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү, андагы дукчи эшен Мадали тууралуу жазып жатып: «Айрым түркстандыктардын эшенди динге терең берилген киши деп келишкендигин айтып кетүү керек. Жогорудагылардын баарын тең эшен эмес, бир кезде Кокондун хан сарайынын иш башкаруучусу (же мырзасы), молдо Магзум башында турган анын тегерегиндегилер кылышкан. Козголоңдун чыгышын да негизинен ошондон көрүшөт», – деп белгилеген.

Демек, И. П. Ювачевдин жазган маалыматына таянсак, Молдо Магзуми 1898-жылдары Мадали эшендин кеңешчиси болуп, көтөрүлүштүн демилгечилеринен болгону кашкайып көрүнүп турат. Ошондой эле И. П. Ювачев ошол кезде Түркиядан Абдул-Жалил деген эч кимге белгисиз бир авантюрист келгенин, ал паспортун Маргалаң менен Ошто белгилетип, Түрк султанынын катын алып элчи катары Дукчи эшенге барганын жазат. Андан ары ал: «Абдул-Жалил эшенге мусулмандардын өкүмдары берип ийген чепкенди, жашыл асабаны, Мукамбет пайгамбардын чачын тапшырып, газават жарыялоого чакырат. Дукчи каттын султандан экенине көпкө чейин ишенбей турат да: «Султан мени кайдан билет экен?»  – деп сурайт. Ал Абдул-Жалил экинчи жолу келгенден кийин гана алданып: «Элди динсиздер менен согушууга чакыра баштайт»,– деп кошумчалайт. Бул маалыматка караганда түркиялык Абдул-Жалил Магзуми аркылуу Мадали эшен менен байланыш түзгөндөй.

Орусиянын Орто Азияны басып алуусун изилдеген генерал-лейтенант М. А. Терентьев да Анжиян көтөрүлүшү тууралуу изилдөөсүндө Магзуми жөнүндө кызыктуу маалымат келтирген. Анда анын жазганын которбостон, өзгөртпөстөн өз тилинде берели. Анда ал: «…За этим двором был построен почитателями новый кишлак Ишанчек в 20 сакель для разных ремесленников. Над дверями существовали надписи: «Здесь библиотека, книги возвращать», или: «Приношения принимаются с благодарностью» Все постройки возведены даром. Руководитель всем этим мулла Зияутдинь. Прежде он был секретарем последних ханов коканских и подбивал их на войны; переселившись к Мадали, он раздувал его славу, подделал печать какогото святоши ишана, составил от его имени иршадь, т. е. Патент для Мадали на звание его преемнике, прибавил ему титул хальфа и придумал разные фокусы, которые пши за чудеса», (Тереньтев М.А. История завоевания Средней Азии. Т.З. Спб., 1906, с.478.) – деп белгилеген.

1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнүн дагы бир изилдөөчүсү В. П. Сальков (Андижанское восстание в 1898, Казань, 1901.) Мадали эшендин учурунда Мулла Зияутдин Магзуми өзгөчө таасирге ээ инсан экенин баса көргөзөт. Эң негизгиси бул эмгекте Зияутдин Магзуминин кыргыз экени ачык жазылат. Аталган эмгектин 10-бетинде: «Эшендин көптөгөн шакирттери болгон, алар бир эле мезгилде анын эң ишенимдүү кызматчылары да болгон. Алардын арасынан жөндөмү жана тубаса акылы менен Мулла Зияутдин Магзум аттуу кыргыз өзгөчө бөлүнүп турган. Бул өтө маанилүү инсан; ал тууралуу алдыда сөз болмокчу», деп жазылган.

Орус изилдөөчүсү В. П. Сальков ушул эле эмгегинин 20-бетинде Мадали эшендин «эшен» экенин далилдеген атайын документи болгон. Аны эшендин ишенимдүү шакирти, кыргыз аалымы – «Мулла Зияутдин Магзуми» жасап бергенин жазат. В.П Сальков эмгегинин кийинки бөлүгүндө Зияутдин Магзуминин ким экенин дагы дааналап көргөзөт. Биз анын жазганын которбой ошол турушунда берүүнү туура көрдүк. Ал минтип жазат:

«Выше было мною сказано, что самым близким у него доверенным лицам был любимой им киргиз – из селения «Джумча», – Ичкиликской волости, смежной с Мин-Тюбинской, к которой принадлежал и сам Ишан Зияутдин Магзуми** ( Это был бодрый старик, около 80 лет. Опытный вкусный и влиятельный агитатор.

Он принимал самое живое участие в бунтах против коканских ханов Малля, Мадали, Худаяра и был в число приблеженных к казненному «Пулат хану» но из всех этих передряс вышел здрав и невредим.

Этот старый бунтовщик у Мадали, кажется, был казначаем. В нападении на Андижанский лагерь ему принадлежала очень видная роль. Убить был, во время нападения на наш лагерь), (Стр.37.). Ошентип, бул жерден Зияутдин Магзумдун кайсыл айылда жашаганы, кандай кызматтарда жүргөнү дагы даана көргөзүлгөн. Бирок башка тарыхый булактардан Магзуми 1898-жылы 17-майда Мадали эшендин негизги кошуунуна башчылык кылып, бирок ал каза болбогону белгилүү. Ал тууралуу төмөн жакта сөз болмокчу.

Ал эми белгилүү тарыхчы Кушбек Усенбаев 1898-жылы

17-майда таңкы саат 8де Тажик (Миң-Төбө) кыштагынан Анжиян шаарын көздөй эки топтон турган куралчан адамдар жылып жөнөгөнүн, анын биринчисине атчан Мадали эшен өзү жетекчилик кылса, экинчисин анын ишенимдүү адамы Мулла Зияутдин Максум жетектегенин жазган. (Усенбаев К.У. Народные движения Средней Азии в ХГК веке. Бишкек–Ош, 1998. С.117.) Ушул эле эмгектин кийинки беттеринде көтөрүлүштүн башында турган бир топ инсандардын аты аталып, алардын арасынан Мухаммед Зияутдин Махсум-Даммула-Шариф оглы деген ысымды учуратабыз. (Аты аталган эмгек, 128-бет.). Мында дагы бир баалуу кошумча Магзуминин атасынын аты Шариф (Шарип – М.К.) экени маалым болуп отурат. Ошондой эле анын аты Максум деп берилип, Максым аттуу ысымдар кыргыздардын арасында кеңири таралганын кошумчалоого болот.

Жогорудагы жазма даректердеги маалыматтар Зияутдин Магзуминин (же Зиядин Максымдын – К.М.) билимдүүлүгүн, анын Кокон хандыгынын ордосунда хандын катчысы, иш башкаруучусу болуп кызмат кылганын бышыктап турат. 1898-жылдын 17-майына чейин Магзуми Анжияндын Тажик (Миң-Төбө) деген кыштагы менен тийишип турган Жумча деген айылда жашап, бирок көпчүлүк убактысын Мадали эшендин жанында өткөргөнүн, көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири экенин, билимдүүлүгү, акылы менен өзгөчөлөнүп тураарына күбө болдук. Жыйынтыктап айтканда, Стамбул университетинин китепканасында сакталып турган «Фергана хандарынын тарыхы» аттуу кол жазманын автору Магзуми кыргыз экени, ал жогоруда аты аталган Зияудин Магзуминин (Зияддин Максым – К.М.) өзү экени эч талаш туудурбайт. Анын соңку тагдыры тууралуу генерал-лейтенант М.А Терентьев: «Мулла Зияутдин дагы эле тирүү жана жашынып жүрөт. Лагерге кол салуу учурунда ал эмес мулла Гияз каза болгон» (Терентьев М.А История завоевания… с.482) – деп жазса, И.П. Ювачев: «Козголоңду тез эле басышат. Дукчи эшен даргага асылат. Абдул-Жалил изин суутуп кетет, молдо Зияутдин Кашгарга кире качат», – деп толуктоо киргизет. Демек, ал Түркиядан келген Абдул-Жалил менен кошо Кашгарга из жашырып качып кеткени маалым. Зияутдин Магзуминин андан кийинки тагдыры азырынча белгисиз бойдон калып келүүдө. Болгону анын кол жазмасы табылып, аты белгисиз болуп келген кыргыз тарыхчысын, Кокон хандыгында таасирдүү бийлик орундарын ээлеп келген Зияутдин Магзуминин ишмердүүлүгүн тактоого, элге ачык жарыялоого убакыт келип жеткенин эскерте кетмекчибиз.

Ал эми анын эмгеги качан гана Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон бир жыл өткөндөн кийин табылып, аны алгач белгилүү кыргыз тарыхчысы Анвар Мокеев таап, анын көчүрмөсүн Кыргызстанга алып келгени да бекер жеринен эместир. Анткени Магзуми аталган кол жазмасынын түп нускасын 1888-жылдары Түркиядан келген Абдурахим эфендиге берип жатып: «Эми кол жазма ээсиз калып, хандын балдары ал китептин баркына жетпегенине арманым бар», – деп кол жазмасын жыйынтыктап жатпайбы. Анын үстүнө эмгектин автору Кокон хандыгынын учурунда кыргыз элинин таламын талашкан бир топ саясий күрөшкө активдүү аралашып келгени белгилүү болуп отурат. Ошондой эле ал 1898-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн негизги жетекчилеринин бири болгонун тарыхый документтер ырастап берди. Ал өз эмгегинин баркына жетүүчү мезгил бир учурда келээрине толугу менен ишенген сыяктуу. Анын тилеги Кыргыз эли эгемендүүлүгүн алгандан кийин аткарылды. Ал учурда колониялык эзүүдөн кутулуу үчүн күрөшкө чыгышкан көпчүлүктүн тилектери ишке ашпай, боштондук күрөштүн катышуучулары падышачылык жазалоочу аскерлер тарабынан ырайымсыз жазаланып, Магзуми аз сандагы адамдары менен Чыгыш Түркстанга көздөй качууга аргасыз болгон.

Экинчи жактан буга чейин Осмонаалы Сыдык уулу, Белек Солтоноев сыяктуу саналуу тарыхчылардын катары толукталып, кыргыз тарыхнамесинде Зияутдин Магзуми же Зиядин Максым деген жаңы ысым өз ордун ээлеп калды. Анын мураска калтырган көлөмдүү эмгеги тарыхчылар үчүн табылгыс байлык болуп, ошол кездеги айрым тарыхый окуялардын такталышына бараандуу салымын кошору айныгыс чындык. Эң башкысы буга чейин такталбай, бир топ талаш-тартыштарды жаратып келген Кокон хандыгынын 167 жылдык тарыхы толукталганы калды. Кол жазманын баалуулугун, автордун улуулугун элге жеткирүү келечектин иши.

Жакында Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндөгү Айтамга айылынын тургуну Муктар Бостонбаевден жана ушул эле районунун Зулпуев айылынын тургуну Момун Нурматовдон Зияутдин Максым тууралуу кат келди. Анда Зияутдин Максымдын урпактары Ноокат районунда жашап жатканы кабарланган, ал эми эмгектин автору кадимки эле кыргыздын төлөс уруусунан экендигин билдиришти. «Максым» деген сөзгө да тактоо киргизишип, Молдо Зияутдин жети атасынан бери билимдүү молдо кишилер болгондуктан, андай адамдарга «Максым» деген наам ыйгарылып келгенин маалымдашты. Бизге келген каттарда ошондой эле Зияутдиндин жети атасынын ысымдары да көргөзүлгөн. Ошентип, Кокон ордосунда кызмат өтөгөн кыргыз тарыхчысынын ата-бабаларынын, урпактарынын ысымдары белгилүү болуп, кайсыл жерде жашаганы такталды десек болот.

                             Ж. АБДРАКМАНОВ

КЫРГЫЗДАРДЫН 1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ ЖӨНҮНДӨ

Бул китепче кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү нүн 15 жылдыгына байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн жана Фрунзе шаардык Советинин үстүбүздөгү жылы 11-августта Фрунзе шаарынын партиялык, профсоюздук жана комсомолдук уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушунда өзүм жасаган докладдын стенограммасын кайра иштеп чыгуунун жана «Советская Киргизия», «Кызыл Кыргызстан» газеталарында жарыяланган «Октябрдын жарчысы» деген макаламдын негизинде жазылды.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн баалоодо «Октябрдын жарчысы» деген макаланын алгачкы текстинде өзүм кетирип койгон жаңылыш пикирлер кайрадан иштелип чыкты.

Орто Азиядагы революциячыл кыймылдын тарыхы, айтсак, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхы атайын иликтеп-изилдөөнү талап кылуучу чоң, татаал тема, ишим көп болгондуктан антип иликтеп-изилдеп чыга алган жокмун.

Бул китепченин жакшы-жаман жазылганы жөнүндө пикир айта албайм, бирок ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеген тарыхчыга жардам берсе, падышалык Россия жергиликтүү эзүүчү таптар менен биригип алып, кыргыз эмгекчилерин аёосуз эзип турган «…кандуу ыплас өткөн эски мезгилди» (Ленин) кыргыз эмгекчилер массасынын кандайдыр бир даражада болсо да түшүнүшүнө жардам тийсе, анда бул эмгегимди бекер жарыялабаган экенмин деп эсептейм.

Жакынкы келечекте бул темага дагы бир жолу кайрылып, мындан көбүрөөк салмактуу эмгек берсемби деген ниетим бар. Ошондуктан факт жүзүндөгү материалдар жагынан да, ошондой эле бул китепче жөнүндөгү иш билгилик сыны менен да мага жардам берүүнү туура тапкан бардык жолдошторго ыракмат айтам.

Бул китепчени басып чыгаруу бир жылдан көбүрөөк кармалып калды. Ушуга байланыштуу советтик Кыргызстандын чарбалык жана социалдык-маданий жактан өсүшүн мүнөздөгөн цифралык материалдар бир аз эскирип кетти, анткени Кыргызстан бул мезгилдин ичинде курулуштун бардык жактарында алга карай зор кадам таштады. Анткен менен бул цифралык материалдар тарыхый белгилүү датага карата Кыргызстандын абалын туура мүнөздөйт деген ойдон улам аларды өзгөртүүсүз калтырдым.

Жолдоштор, биз Орто Азиянын жана Кыргызстандын эмгекчи массаларынын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө сөз кылганыбызда биздин көзүбүзгө бул жергиликтүү эмгекчилер массаларын оорук жумуштарына алууга нааразылыктан улам конкреттүү негизде кокусунан чыккан козголоң сыяктанып көрүнөт. Чындыгында, бул андай эмес. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн падышалыкимпериалисттик Россиянын колониялары катары Орто Азиянын жана Кыргызстандын абалынан келип чыккан социалдык-экономикалык тереңде жаткан себептери бар.

Мына ошондуктан менин милдетим бул көтөрүлүштүн мүнөзүн, анын кыймылдаткыч күчтөрүн, натыйжаларын гана эмес, ошондой эле бул көтөрүлүштү тарыхый жактан даярдаган социалдык-экономикалык факторлорду да айкындоо болуп саналат. Бул көтөрүлүш Орто Азия элдери колониялык көз карандылыкта турган 1917-жылга чейинки мезгилде алардын турмушунда болгон революциячыл бардык окуялардын ичинен эң ири революциячыл окуя.

Кыргыз эмгекчилер массаларынын 1916-жылдагы көтөрүлүшүн Орто Азия элдеринин көтөрүлүшүнө байланышсыз кароого болбойт, бирок мен кыргыз калкынын колониялаштырылганга чейинки да, андан кийинки падышачылык үстөмдүк кылып турган мезгилдеги да абалын, ошондой эле көтөрүлүштүн жүрүшүн жана аякташын көбүрөөк толук сүрөттөп көрсөтүш үчүн Орто Азиянын калган башка элдеринин абалын карап чыгуудан баш тартууга аргасыз болдум.

                                                                  Автордон

Колониялаштырылганга чейинки мезгилдеги кыргыздардын коомдук-экономикалык уклады жөнүндө бир-эки ооз сөз

Колониялаштырылганга чейинки кыргыз калкынын экономикасынын, чарбасынын маселеси жөнүндө сөз кылганда ой жоруулар менен чектелүүгө туура келет, анткени менин колумда кыргыз жерин падышалык Россия каратып алганга чейинки кыргыз калкынын экономикалык абалын мүнөздөгөн эч кандай материалдар жок. Анткен менен мал чарбасы кыргыз калкынын чарбачылыгынын негизги, дегиси, бирден бир тармагы болгондугу белгилүү. Кыйла бөлүгү колониялаштыруудан кийин кыргыз калкынын пайдалануусунан тартылып алынган зор аймактар колониялаштырылганга чейин мал чарбасы үчүн табигый тоют базасы болуп турган. Бирок мал чарбасы өтө примитивдүү жол менен жүргүзүлгөн. Бул мезгилде кыргыз калкы мал чарбасын интенсивдештирүү үстүндө иштеген деп ойлоонун кажаты да жок. Чарбачылыктын феодалдык мүнөзү жана табигый тоют ресурстарын кезектештирилип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып турган зор аймактардын болушу туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбачылыгын интенсивдүү жүргүзүү үчүн күрөшүү зарылдыгын туудурган эмес.

Жогорку эле себептерден, башкача айтканда, учёттук-статистикалык материалдардын жоктугунан улам малдын саны жөнүндө, ушундан улам кыргыз калкынын материалдык абалы, бөтөнчө бул абалдын социалдык жагдайы жөнүндө эч кандай материалдарды келтирүүгө мүмкүн болгон жок. Анткен менен ошол учурду өз көзү менен көргөндөр малдын саны кыргыз жери колониялаштырылгандан кийинки мезгилдегиге, азыркы Советтик Кыргызстандын аймагын падышалык өкмөт башкарып турган жылдардагыга караганда колониялаштырылганга чейинки кезде эки эсе, ал тургай андан да көп болгондугун айтышат.

Бирок малдын зор бөлүгү байлар менен манаптардын салыштырмалуу анчалык чоң эмес тобунун колунда болгон жана кыргыз калкынын абсолюттуу көпчүлүктүн өзүлөрүнө баш ийдирип турууга аларга мүмкүнчүлүк берген. Буга кыргыз калкынын ичинде сакталып турган уруулук мамилелердин калдыктары да көмөктөшкөн. Уруулук мамилелердин калдыктарынын туткунунда калып, материалдык жактан өзүнүн туугандарына, байларга жана манаптарга көз карандылыкта болгон кыргыз калкынын эмгекчи массалары чындыгында өзүлөрүн уят-сыйытсыз эксплуатациялап турган өз уруу жол башчыларынын кулу болгон.

Көп сандаган жана экономикалык жактан күч-кубаттуу уруулардын, туурараагы, ошол уруулардын манаптарынын бийлиги ушунчалык күчтүү болгондуктан, алар өз уруусунун да, ошондой эле өзүлөрүнүн бийлигиндеги башка уруулардын да эмгекчилеринин өмүрүн жана малмүлкүн өзүлөрү каалаганындай калчап турушкан.

Манаптардын бийлигинин күчүн көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй төрт гана факты келтиремин:

  1. «Айтылуу» манап Ормонкан конуш которуп бара жаткан жолунда көгөнүн жоготуп коёт. Ормондун өзүнүн эле туугандарынын бири аны таап алып, Ормонго алып келсе, Ормон сен муну уурдап алгансың, андыктан айыбын тартышың керек деп, андан көгөндүн эки учун бекитүү үчүн кагылуучу эки казыктын ордуна эки кыз жана көгөндүн ар бир илмеги үчүн бирден кой, башкача айтканда, 300 кой төлөтүп алат.
  2. Ормондун уулу Үмөталы өзүнүн боз үйүнөн мындайраак жерде отурган күндөрүнүн биринде мылтыгын алып, «күнөөлүүсү өлсүн» деп өзүнчө кобурап, боз үйдүн жанында отурган аялдарга ок чыгарып, өзүнүн жакшы көргөн аялын өлтүрүп салат. Албетте, ал өзүнүн бул жоругу үчүн эч кимдин алдында жооп берген эмес. Ошол эле Үмөталы өзүнүн кылычынын курчтугун сынап көрүү үчүн кылычы менен адамдарды кыя чаап көрчү эле дешет. Ошол эле Үмөталы бир бечараны өз баласын өзү өлтүрүүгө мажбурлаптыр, көрсө, ал шордуу өз баласынын атын Үмөталы деп коюптур.
  3. Белгилүү Шабдан Жантаев бул жерлерде менин уулдарым кыргоолдорго аңчылык кылат деп, тору-айгырлыктардан Рыбачьенин айланасындагы жерлерин тартып алган.
  4. Бугу уруусунун Боромбай деген манабы: «Саяк менен сагызганга убал жок» – деп, Ысык-Көл ойдуңунун жерлерин бөлүштүрүү убагында кыргыздардын «саяк» уруусунун дыйканчылык кылууга анчалык ыңгайсыз жерлерге көчүртүп жиберген.

Мен мындай фактылардын тизмесин дагы уланта бере алаар элем, бирок манаптардын күчү жана эмгекчи массалар менен чабал уруулардын укуксуздугу жөнүндө түшүнүк алуу үчүн, менимче, айтылгандар эле жетиштүү.

Жаңы «урууларды», жаңы аймактарды өзүлөрүнүн таасирине тартуу үчүн Ормон менен Байтиктин күрөшү сыяктуу фактылар сиздерге белгилүү. Анан алар бул ойлоруна жетише да алышкан. Мисалы, жаңы аймактарды каратып алуу үчүн куралданган аскер кураган Ормон мурда ага баш ийбеген саяк, черик ж. д. у. с. уруулардын калкын өзүнүн карамагына караткан, а Каракол уездинин манаптары Боромбай менен Чыныбайдын да саяк, чоң багыш ж. д. у. с. уруулардын айрым бөлүгүнөн турган «букаралары» болгон.

Кыргыз жерин падышачылык басып алганга чейин кыргыздар мамлекеттик жагынан Кокон хандыгына баш ийип турган, бирок бул кагаз жүзүндө гана баш ийүү болгон. Анын заңына ылайык, кыргыз калкынын негизги бөлүгүн өз билгениндей талап-тоноп алып көнгөн кыргыз манаптары Кокон хандыгына жыл сайын алым берип турган. Бул алым, албетте, негизинен эмгекчилер массаларынын эсебинен төлөнгөн.

Уруулук мамилелерди биротоло ойрондоого али үлгүрө элек азиялык деспоттук феодализм орус феодалдары (помещиктери) менен капиталисттери эмгекчилер массаларын талап-тоноодо ага жардамдашууга келген мезгилде кыргыздардын коомдук турмушунда кантсе да бекем орун-очок алып калган болучу.

Уруулук мамилелердин калдыктарынын сакталып кала бериши, алардын кыргыздын чарбалык экономикасынын натуралдуу жана жарым натуралдуу формасына негизделип турушу кээ бир жолдоштордун кыргыз жери колониялаштырылганга чейинки мезгилде кыргыздын ичинде уруулук гана күрөш жүрүп «Саяк менен сагызганга убал жок» деген макалдан саяк уруусу эзилген жана укуксуз уруу болгон жана алардын арасында байлар жана манаптар болгон эмес деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Бул макал саяк уруусуна карата башка уруулардын, мисалы, бугу, сарбагыш ж. д. у. с. уруулардын кастык мамилелеринин натыйжасы болгон. Чынында саяк уруусунан да күч-кубаты жагынан Ормон кандан, Шабдандан жана башкалардан кем калышпаган байлар жана манаптар чыккан кыргыз айылдарында таптык күрөш болгон эмес экен деп ойлошуна негиз берип келет. Бул көз караш эч кандай сынга туруштук бере албайт. Мындай ойлогон адамдар, биринчиден, Коммунисттик манифесттин «мурдагы коомдордун бардыгынын тарыхы таптардын күрөшүнүн тарыхы болуп саналат» деген жобосун эстеринен чыгарып коюшат, экинчиден, кыргыздардын уруулук түзүлүшү акырындап кедери кетип отуруп, акырында уруулук күрөш феодалдардын Ормон, Байтик, Боромбай ж. д. у. с. манаптар аркылуу жүргүзгөн күрөшүнө орун бошотуп берүү даражасына чейин жеткендигин анык эле билишпейт. Акырында ал адамдар, калыбы, кыргыздар арасында «букаралар» сословиесинин кайдан келип чыккандыгынын тарыхын иликтеп-изилдеп билүүгө моюндары жар бербеген болуу керек. Антпегенде букаралар кыргыздар арасында орун алган дал ушул таптык күрөштүн натыйжасы экендигин билишет эле да.

Кош, а букаралар дегенибиз кимдер? Алар уруу башчыларынын эзүүсү жана эксплуатациялоосу өзүлөрүнүн уруусунун намысын талашуудан баш тартууга аргасыз кылып, башка урууларга баш калкалап барууга мажбур болгон эмгекчилер эл массалары. Мындай эмгекчилерди өз арасына алган уруулардын манаптары өз урууларынын үстөмдүк кылуучу абалда тургандыгын айырмалап көрсөтүү үчүн аларды «букаралар» деп коюшкан. Арабдар да алым төлөгөндөрдү, б. а., чындыгында араб феодалдарына баш ийген эмгекчилер массаларын «букаралар» дешсе керек эле. Коомдук турмуштун айдыңында букаралар сословиесинин пайда болушу кыргыздардын уруулук жамаатынын кедери кетиши жана коомдук турмуш түзүлүшүнүн жарым феодалдык мүнөзүнөн.

Бул жарым феодалдык түзүлүш кыргыз жерин падышалык өкмөттүн колониялаштырышына байланыштуу нукура феодалдык мамилелерди түзүү маанисинде алганда андан ары өнүкпөй, токтоп калган. Бул, албетте, падышалык өкмөттүн саясаты менен түшүндүрүлөт, анткени ал уруулар ортосунда болуп туруучу чабышууларды кыргыз калкын ыркы кеткен топторго бөлүп салуучу, падышачылыктын колонизатордук саясатына каршы алардын бирдиктүү фронт түзүшүнө мүмкүнчүлүк бербөөчү эң сонун каражат деп билген.

Маданият жөнүндө ооз ачуунун да кажаты жок. Мектеп, китеп, газета дегендер болгон эмес. Өзүлөрү сабатсыз молдолор сабаттуу адамдар деп эсептелген.

Алар калкты дин деп аталган апийим менен ууландырып, эл массаларына билим берүү жагын ойлоп да коюшкан эмес, анткени бул алар үчүн пайдасыз болгон.

Колониялаштырылганга чейин Кыргызстан бүтүндөй алганда байыраак болгон дегенден ал кезде эмгекчилер массалары жакшы жашаган турбайбы деген келип чыкпайт. Колониялаштырылганга чейинки жана андан кийинки мезгилдердеги кыргыз эмгекчилер массаларынын абалындагы айырма бул эле: колониялаштырылганга чейин алар феодал-манаптар тарабынан эксплуатацияланып келсе, колониялаштырылгандан кийин манап-феодалдардын гана эмес, ошондой эле падышалык администратордун, колонизатор кулактын, сүткор капиталисттин да эксплуатациялоосунун объектиси болуп калган. Бул алардын абалын кыйла начарлаткан.

Эми падышачылыктын колониялоо иш-аракетин жана анын натыйжаларын мүнөздөөгө өтөмүн.

Кыргызстан агрардык колониялоо району катары, кыргыздардын коомдук, чарбалык жана турмушуна колониялоонун тийгизген таасири

Орус помещиктери жана буржуазиясы «орус куралынын күчү» менен Кокон хандыгын талкалап, мурдагы Түркстан жергесинин экономикалык жана стратегиялык жактан өтө маанилүү борборлорун басып алып, Түркстан генерал-губернаторлугун түзүүгө жетишкенден кийин алар өзүлөрүнүн алдына бул жергени каратып алуудагы максаттарынын бирин – орус келгиндери туруучу поселокторду куруу үчүн кыргыз жер-суусун басып алууну практика жүзүндө жүзөгө ашыруу милдетин койгон. Падышачылык Орто Азиянын башка элдеринин жер-суусун басып албагансып, кыргыз калкынын гана жер-суусун басып алганы жөнүндө айтып жаткандыгын сиздерди таң калтырбоосу тийиш. Албетте, алар Орто Азиянын башка элдеринин да жер-суусун басып алган, бирок кыйла кийинчерээк басып алган. Кыргыздардан тартып алынган жерлерде орус поселоктору биринчи болуп курулган, андыктан мурдагы Түркстан жергесин агрардык колониялоо кыргыз аймактарын колониялоодон башталган.

Түркстандын 1-генерал-губернатору Кауфмандын приказы боюнча 1874-жылы Кара-Балтада, азыркы Калинин районунун борборунда орустардын биринчи турагы түзүлгөн, андан кийинки үч жылда, башкача айтканда, 1877-жылга чейин кайра эле кыргыз жеринде Чалдыбар, Дмитриевка (Талас) жана Михайловка поселоктору пайда болгон, мындан беш жылдан кийин Таласта немецтердин Николай поле, Романовка, Андреевка жана Владимировка деген төрт поселогу түзүлгөн.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, Түркстанды агрардык колониялоо кыргыз жер-суусун падышачылыктын тартып алуусунан башталган деп негизсиз айтып жаткан жокмун. Бирок бул Кыргызстандын түндүк райондоруна тийиштүү жагдай дейлик. А Кыргызстандын түштүгүндөгү жагдайчы? Мүмкүн, ал орус келгиндерин биринчи болуп кабыл алуу «урматынан» четте калып жүрбөсүн! Эч андай эмес. Түштүк райондорунда жашаган кыргыздар да Фергана облусунда орус келгиндерин биринчи кабыл алуучулар болгон. Мурдагы Фергана облусунда орустардын биринчи поселогу 1893-жылы Куршаб жеринде уюштурулган, ал – Покровский поселогу. Фергананы андан кийинки колониялоо деле негизинен кыргыздардын жер-суусун тартып алуунун эсебинен жүргүзүлгөн. Ферганада келгиндердин көп отурукташкан жери Жалал-Абад районунун Көкарт өрөөнү болгон.

Бирок Ферганада жана Таласта кыргыздардын жерсуусун басып алуу канчалык күчтүү болбосун, ал (басып алуу) Жети-Суудагыга, башкача айтканда, Кыргызстандын түндүк райондорунда биз азыр көрүп тургандарга караганда кенедей эле нерсе болгон. Жети-Сууну колониялоо ушунчалык интенсивдүү жүргөндүктөн, ага жана Түркстандын калган башка райондоруна отурукташтырылган дыйкандардын ортосуна сан жагынан барабардык белгисин коюуга болот, башкача айтканда, Түркстандын калган башка бардык облустарында канча дыйкан отурукташтырылган болсо, Жети-Сууда дээрлик ошончо дыйкан отурукташтырылган.

Кыргыздар жана казактар турган жерлерге келгиндердин мынчалык кыйла көп каптап кириши кыргыздар менен казактардын чарбачылыгынын мал кармоо уклады жана ага байланышкан көчмөндүктө жашоосу менен түшүндүрүлөт.

Келгиндерди жайгаштыруу алгачкы кезде административдик бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн, алар жергиликтүү калктын иш жүзүндө пайдаланып жүр гөн жер аянттарын тийиштүү эске алышкан эмес. Каер де жана канча жер бар экендигин көз болжоо менен аныкташкан. Мына ошондуктан падышалык зулумдар көчмөн элдерде зор жер аянттары бар турбайбы деген ойго келип, «ашык жерлерди» тартып алуу багытында иштей башташкан. Көз болжоо эң жакшы нерсе деңизчи. Бирок маселе жер аянттарын аныктоо сыяктуу проблема жагында болуп жатканда ал анчалык жөндүү эмес да. Бул жерде «көз болжоого» сокур ишенүү эмес, статистикалык жана экономикалык так эсептеп чыгуу талап кылынат го. Бирок падышалык зулумдар мындай «майда-баратты» этибарга алышкан эмес. Бүгүн бул же тигил жер «бош» жаткан болсо эле аларга келгиндер поселогун жайгаштыруу үчүн жетиштүү болуп көрүнгөн. Алар бул «бош» участок таптакыр бош эмес экендигин, ал мал кармаган калктын жайыты экендигин от жер издеп, «бүгүн» бул жерден башка жакка көчүп кеткен көчмөн кыргыз өз малын жаюу үчүн эртең ошол эле жерге кайра кайтып келээрин билгилери да келген эмес.

Мындан кийин, келгиндер кыймылынын Түркстанга агымынын күчөшүнө жараша атайын келгиндер башкармалары түзүлүп, аларга келгиндерди жерге орноштуруу жана Түркстанды колониялоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана ушул максатта «колониялоого жарактуу ашык жерлери бар деп болжолдогон жергиликтүү калктардын топторунун, негизинен, кыргыздардын жерди кандай пайдаланышарын баштан-аяк, иликтеп-изилдөө» милдети жүктөлгөн. Келгиндер башкармаларынын иликтепизилдөө иштери баалуу көп материалдарды берген, бирок ашык жерлерди табуу жагында алар деле калыстык кыла алышкан эмес. Кыргыздардын ашык жерлерин табууда келгиндер башкармаларынын чиновниктери айыл чарбасы үчүн жараксыз жерлерди жарактуу деп табуудан да уялышкан эмес, анткени алар жергиликтүү калкты ошол жерлерге айдап чыгуу максатын көздөшкөн. Ошондой чиновниктердин бири колониялоо фондусун табуу үчүн андай жерлерди Кытайдын аймагынан долбоорлоого чейин барган.

Жергиликтүү калктын пайдалануусунда турган жерлерди иликтеп-изилдөө иштерин жүргүзгөн инженерлердин, жер ченегичтердин, статисттердин, юристтердин, экономисттердин жана падышачылыктын ушулар сыяктуу «окумуштуу» ишмерлеринин эмгектерин окуганында Маркс: «Ал (буржуазия) илим адамын өзүнүн жалданма кызматкерлерине айландырып алды» – деп эң туура айткандыгын эрксизден ойлойсуз. Эски Россиянын падышалык-империалисттик чөйрөлөрүнүн кулдары катары абалда турушу гана аларды өзүлөрүнүн изилдөөчүлүк иштеринде маселени чыныгы жөн-жайы менен эсептешпей, фактыларды бурмалап, падышачылыктын баскынчылык саясатына, «илимий объективдүү база» түзүп берүүгө чейин жеткирген. Алардын кээ бирөөлөрү, мисалы, Шкапский (Падышачылыктын эсерлер тарапка өткөн чиновниги – ред.) жергиликтүү калкты жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндөгү маселени коюшкан күндө да биз «колониялоону уюшкандыкта жүргүзүүнүн» тарапкерлерибиз, кыргыздардын жер-суусун келгиндердин өз бет алдынча басып алуулары кыргыздар менен келгиндердин ортосунда «түшүнбөөчүлүктөрдү» ж. д. у. сыяктууларды чыгарып, Түркстанда орустардын таасирин чыңдоо милдетин татаалдатып жатат деп гана эсептешкен.

Качандыр бир кездерде «коомдук ишмерлер» деп аталган наам алуу үчүн далалаттанган адамдардын падышачылык мезгилде жазган эмгектерин окуганыңызда алардын бардыгынан Түркстанга орус келгиндерин кантип жайгаштыруу, аны сырьё алып туруучу жана товар сатып өткөрүүчү эң бай рынокко кантип айландыруу, колониялоо фондусун көбөйтүү үчүн сугат ишин кантип жүргүзүү керек экендиги жөнүндөгү чыйпалак-тоону учуратууга болот, бирок аларда жергиликтүү элдеринин турмушун уюштуруу туурасында сөз жок.

Айткандарым жайдак болбошу үчүн революцияга чейинки мезгилде жарыяланган эмгектерден бир нече мисал келтире кетейин. Алардын авторлору «эски коомдо» ар кандай абалда турган адамдар болушса да, Түркстанда дээрлик 10 миллион жергиликтүү калктар жашап жаткандыгын эске албоо жагынан айттырбай бир пикирге келишет.

«Туркестанский край» деген олуттуу жана кыйла кызыктуу китептин автору князь Масальский минтип жазат. «Шымаланып, олку-солку болбой, күнөм санабай, ийгилик колго тиерине ишенип, өзүбүз жумшаган күч-аракетибиздин акыбети миллиондогон теше жаңы жерлерди маданиятка тартуу жана орус өнөр жайын ага зарыл керек пахта менен камсыз кылуу, бул жагынан чет өлкөлөргө көз карандылыктан толук кутулуу менен гана эмес, ошондой эле айыл чарба өнөр жайынын зор тармагын түзүү, элибиздин байлыгын өлчөөсүз көбөйтүү. Түркстанды орус адамдарынын колониялоосун күчөтүү менен да кайта тургандыгын эсте тутуп иштөө зарыл.

(В. И. Масальский. Туркест. край, стр. VII). Ташка тамга баскандай так айтылган. «Миллиондогон теше жаңы жерлерди маданиятка тартуу». Россиянын капиталисттик өнөр жайын пахта менен камсыз кылуу, аны «чет өлкөлүк көз карандылыктан» куткаруу. Түркстанга «орус адамдарын» жайгаштыруу керек экен. А ошол байлыктарды жаратып, ошол жерде жашап, иштеп жаткан миллиондогон адамдарды эмне кылыш керек эле?

Падышачылыктын башка бир тарапкери, Мамлекеттик Думанын мүчөсү А. Л. Трегубовдун эмне деп жазганын да окуп көрөлү: «Жети-Суу сыяктуу берекелүү аймакта толгон-токой асыл жерлерибиз болуп туруп, башка жактарга көчүрүлүшү небак эле курч маселелердин бирине айланган орус дыйкандарынын ошол жерлерге эч бир жайгаша албай жатышы кудай алдында күнөө кылгандык жана адамдар алдында уятка калгандык эмеспи. Ойгонуп келе жаткан Кытай, мындайча айтканда, жаап-жашырбай эле сугун артып турган биздин ээликтерибиздин бул бермети капарга алынбаган бойдон калып жатканда өзүбүздүн түндүк тараптагы жерлерибизге адамдарыбызды жайгаштыруу жөнүндө камкордук кылышыбыз күлкү келерлик жоруктай көрүнөт. Жети-Сууга олуттуу карап, ага тезинен калк жайгаштыруу зарыл. Муну логиканын (империалисттик басып алуунун – Ж. А.) закондору, мамлекеттин, коомдун закондору талап кылып турат». (Васильевдин «Семиреч. область как колония» деген китебинен цитата келтирип жатам, 111-бет).

Жети-Сууга Кытай тараптан болгон коркунучту «кудайды карабай» апыртып жана Жети-Сууну колониялоонун ийгиликтерин азайтып (анткени бул мезгилге карай Жети-Суу жетишерлик эле «орусташып» калган болчу), 1909-жылы мына ошол адам жазып чыккан.

Профессор Васильевдин колониялоо фондусун көбөйтүү кызыкчылыктарында Чүй өрөөнүнө суу чыгаруу долбоорунун белгилүү авторунун Жети-Суунун ролуна берген аныктамасы мындан кем эмес кызыктуу. «Областтын азыркы жана келечектеги экономикалык жана мамлекеттик мааниси, – деп жазат Васильев, – ага жамаат жаткан областтар менен мамлекеттердин кызыкчылыктарынын жана мүдөөлөрүнүн фондусу бар». Бул айтылгандардан сиздер жамаат жаткан облустар метрополиянын (Европалык Россия область үчүн метрополия болуп саналат), анан өзүнүн өндүргүч күчтөрүнүн таасири астында түзүлөт.

Европалык Россия үчүн Жети-Суу облусу колония болуп эсептелет, болбосо, ал өзүнүн өнөр жайынын продук тулары үчүн рынокту кайдан таба алмак экен. Анткен менен облус кийинки кездерге чейин Европалык Россияда ашыкча көбөйүп кеткен калк жайгаштырылуучу аймак катары алдыңкы орунда туруп келди. Облустун бул жагынан мааниси дагы кыйла узак мезгил бою сакталып кала бере тургандыгында шек жок, анткени анда айтылуу Түркстан менен катар колониялоого жарактуу зор жер менен мамлекеттердин кызыкчылыктарын, метрополиянын талабын, колониялоо фондусун түзүүнү табасыздар, бирок Жети-Суунун жергиликтүү элдерин – кыргыздарды, казактарды эмне кылуу керек экендиги жөнүндө бир ооз да сөз учуратпайсыздар. Бул адамдардын айткандарын «революционер» Шкапский да кайталайт. Ырас, ал тигилерге караганда маселени бир аз башкача коёт. Эгерде тигилер Түркстандын жана Жети-Суунун жергиликтүү тургундары бар экендигин таптакыр унутуп коюшса, Шкапский «унутуп койбойт» да, «келгиндер ишинин кызыкчылыктарында кыргыздарды жерге туура отурукташтыруу» зарыл деп эсептейт.

Көрүп турганыңыздардай, князь Масальский, Мамлекеттик Думанын мүчөсү, профессор Трегубов, профессор Васильев жана «революционер» Шкапский өзүлөрүнүн алдына жана падышалык бүткүл Россиянын алдына генерал Калпаковский койгон милдетти – Түркстан жергеси жана бөтөнчө Жети-Суу облусун орусташтырууну жүзөгө ашыруу үчүн биригип кетишкен. Бул адамдар айтып жана жазып гана кала беришпестен, кептин өтөөсүнө чыгышканын да айтуу керек. Алар кыргыздардын жер-суусун басып алуу маанисинде айтканда өтө көп иш кылган.

Бул пикиримди ырастоо үчүн жолдош Рыскулов тарабынан жарыяланган цифраларды келтирүүгө уруксат этиңиздер. Алар мындай: 1916-жылга карай Түркстандагы 914 орус поселогу менен станцияларынын карамагында 1900 миң теше жер (иштетилүүчү жердин 56,7 проценти) болгон, башкача айтканда, Түркстанда жашап жаткан ар бир оруска 3,17 теше, а жергиликтүү тургундун (өзбектин, кыргыздын, тажиктин, түркмөндүн) ар бирине 0,21 гана теше иштетилүүчү жер туура келген. Мына ошентип, жер деген өтө жетишсиз болуп турган шартта жергиликтүү калктын 94 проценти иштетилүүчү бардык аянттын 42,4 процентине гана ээлик кылган, калгандары орус келгиндеринин үлүшүнө тийген.

Түркстанда ушундай болгон. Эгерде революцияга чейинки Кыргызстандагы кыргыздар менен келгин дыйкандардын ортосунда жердин кандай бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндөгү маалыматтарга кайрылсак, анда мындан кем эмес таң калтыруучу абалды көрөбүз.

Мурдагы Пржевальск уезди боюнча орус калкынын жерден пайдаланышы жагында жылдар боюнча алынган маалыматтар мындай: 1900-жылы Пржевальск уездинин 2 процентин түзгөн орус калкынын карамагында уезддин бардык айдоо жеринин 23,8 проценти турган, 1916-жылы уезддин 21,1 процентин түзгөн орус калкы бардык айдоо жеринин 67,3 процентин өз колуна алган жана 1920-жылы жер реформасы жүргүзүлгөнгө чейин калктын 34,1 процентин түзгөн орус калкында уезддин айдоого жарактуу жер аянттарынын 84,7 проценти болгон. Пишпек уездинен да ушундай эле абалды көрөбүз. Орус келгиндер калкы (38,1 проценти) өз карамагында мурдагы Пишпек уездинин айдоого жарактуу бардык жеринин (казактар тараптагы жерлерди кошпогондо) 57,3 процентин кармап турган.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, азыркы Советтик Кыргызстанда калктын азчылыгын түзгөн орус келгиндер калкы падышачылыктын колониялоо саясатынын аркасы менен ал кезде айдоо жерлеринин зор аймагын ээлеп алган.

Мен сиздерге жердин сандык жактан бөлүштүрүлгөнүн айтып өттүм, а жерлердин сапат жагынан көз карашынан алганда жердин суу менен камсыз кылынган жакшы бөлүгү орус келгиндер калкынын колунда болгондугу белгилүү. Падышалык зулумдар суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкын эң жаман шарттарга кириптер кылган.

Айтсак, кыргыз дыйкандары менен орус келгиндери бир арыктан суу алып калышса, кыргыздар суудан жекшемби күндөрүндө гана пайдаланышкан, анткени калган күндөрдө суу орус келгиндерине берилген.

Кыргыздардын айдоого жарактуу жерин тартып алуу жана аларды суудан пайдалануу укугунан ажыратуу жагында иш ушундай абалда турган. А жайыт жагы кандай болду экен?

1916-жылы бүткүл Кыргызстандын аймагынан 2449890 га жер токой дачалары үчүн бөлүнүп берилген. Бул жерлердин 1177536 гектары чынында эле токойлуу келип, ал эми көбүнчө тоолуу массивдерде жайгашкан, мал кармоочу калктын кыштоолору жана жайлоолору болуп келген 714 миң гектары чынында да жайдак жерлер болгон, бирок алар токойчулук ведомствосуна өткөрүлүп берилгендиктен, мал кармаган кыргыз калкы аларды арендага алып пайдаланып калган.

Мындан тышкары, падыша өкмөтү казына малы багылуучу участокторду түзүү үчүн кыргыздардын чоң жайыттарын алып койгон, анан ал жерлер мал кармагысы келген орус келгиндерине арендага берилген жана орус келгиндери белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин ал участокторду сатып алууга укуктуу болгон.

Тилекке каршы, менде азыр казына малы багылуучу ошол участоктор үчүн алынган жерлердин көлөмү жөнүндөгү цифралык маалыматтар жок. Бирок андай алып коюу кыргыздар үчүн сезилерлик болбой калышы, кыргыздар арасында нааразылык туудурбай коюшу мүмкүн эмес. Ошондой участокторду пайдалануу боюнча орнотулган тартиптер жана антип алып коюулар кыргыздарга кандай таасир эткендигин Жети-Суу облусунун согуш губернатору мындайча сүрөттөп жазат: «Көчмөндөр мал багып жүргөн чоң участокторду тартып алып, белгилүү мөөнөт өткөндөн жана малдын тукумун жакшыртуу боюнча өзүлөрүнүн алган милдеттенмелерин аткаргандан кийин ал участокторду өзүнүн менчиги кылып сатып алуу укугу менен аларды орус арендаторлоруна берүү жөнүндөгү буйрук көчмөндөр арасында бөтөнчө сезилерлик толкундоону чыгарды. Жаңы арендаторлор көп учурларда мал багууга киришпей жатып эле өзүлөрү арендага алган участокторду эксплуатациялоого киришип, мал жаюу үчүн ошол эле кыргыздардын өзүлөрүнө арендага берип, алардан туяк акы салыгын алып, сот аркылуу куугунтуктап ж. д. у. с. чараларды көрө башташты».

Жерден жана суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкы кандай абалда калтырылгандыгы өзүңүздөргө түшүнүктүү болушу үчүн мына ушул баяндалгандар эле жетиштүү деп ойлоймун. Анын үстүнө көбүнчө кыргыз калкы суу чыгарып жана орун-очок алып калган жерлер тартып алынгандыгын, кыштоолору талкалангандыгын белгилей кетүү керек.

Колониялоо жана казына участокторун түзүү үчүн кыргыздардын жерлерин, жайыттарын тартып алуу кыргыздардын турмуштук кызыкчылыктарына баштан-аяк таасир эткен, аларды чарбалык өсүш жагынан келечекке калтырып, же ачкадан өлүү, же кулактарга, байларга жалданма кул болуп баруу абалына кириптер кылган.

Кыргыздардан алардын жашоосу үчүн зарыл керек жерлер тартып алынгандыгын, анан алардын пайдалануусунда чарбачылыкка жарактуу жерлер дээрлик калбагандыгын, кыргыз калкынын ал жерлерди өлүп-тирилип жүрүп өздөштүргөнүн тартып алгандардын өзүлөрү 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин моюндарына алышкан.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгуу себептери жөнүндө падышага докладында Куропаткин минтип жазат: «Орустардын кыштактарын, мал багылуучу участокторду жана казынанын токой дачаларын – казынанын бирден бир ээлигин түзүү үчүн ошол ашык жерлердин (кыргыз жерлеринин) өлчөмдөрүнө өтө кеңири маани берүү бөтөнчө 1904-жылдан баштап кыргыз калкынын зор жер аянттарынын, алардын ичинде бул калк үчүн өтө зарыл аянттардын тартып алынышына алып келди. Бул көрүнүш сенатор граф Пален жүргүзгөн ревизиянын убагында эле белгиленген болучу, бирок ага тийиштүү көңүл бурулбай кала берген эле».

Көтөрүлүштүн чыгуу себептери жөнүндө өзүнүн докладында Жети-Суу облустук согуш губернатору да болжол менен ушундай эле рухта жазат. Колониялоо штабынын бул «ардактуу башчысы» өзүнүн ал докладында көтөрүлүштүн чыгуу себептерин падышанын колониялоо саясатынын натыйжалары деп көрсөткөндөн көрө кыргыз жерлерин келгиндердин өз бет алдыларынча басып алуусунун натыйжалары деп түшүндүрүүгө далалаттанат. Ырас, келгиндер да өзүлөрүн анчалык жакшы жагынан көрсөтүшкөн эмес, бирок ал жөнүндө кеп кийинчерээк болсун. Азырынча Жети-Суу облусунун согуш губернатору эмне деп жазганын угуп көрөлүк.

«Келгиндер иши 1910–1911-жылдарда гана жөнгө салына баштаган, облус бул кезде ал тургай кымырыныпкысымбай эле көчүп келип жайланышууга ачык аймак деп табылган болучу. Жерге орноштурууну калктын топтору боюнча эмес, аймактар боюнча жүргүзүү… анан… башкысы, колониялоонун жаңы фондусун кыргыздын ашык жаткан даяр жерлерин издеп табуу менен эмес (анткени чарбачылык кылууга жарактуу жерлер дээрлик калбай калган), ал фондуну дыйканчылык министрлигинин эсебинен кеңири жүргүзүлүүчү ирригациялык иштин жардамы менен түзүү зарыл деп таанылган.

Бирок кыргыздын экономикалык турмуш жыргалчылыгында жылыш, анын үстүнө салмактуу өлчөмдөрдөгү жылыштар болгондугу ошол кезде анык болучу».

Кеп жыргалчылыктын кандай жылышы жөнүндө – жакшыруу же начарлоо жагына жылышы туурасында болуп жаткандыгын бул жерде түшүнүү кыйын. Эгерде мурдагы губернатор жыргалчылык жакшырды деп ойлосо, анда ал эки нерсени чаташтырып жатат: эмгекчилер массаларынын кеңири катмарларынын экономикалык жыргалчылыгы менен байлардын жана манаптардын бир аз тобунун экономикалык жыргалчылыгын чаташтырып жатат. Байлар жана манаптар падышалык үстөмдүк кылып турган жылдарда өзүлөрүнүн малы жагынан кыйла жоготууларга учураганы менен эмгекчилер массаларын падышалык зулумдар, колонизаторлор, сүткор капиталисттер менен биргелешип талап-тоноп алууларынын эсебинен ал жоготууларын кайтарып алып турушкан. Эгерде ал дал ушул топтун – эзүүчүлөр тобунун жыргалчылыгын эске алып жатса, анда ал чындыкка жакындап барган болот, эгерде ал эмгекчи массаны да кошо алып, бардык адамдардын жыргалчылыгын эске тутуп жатса, анда анын чындыгы турмуштан асман менен жердей эле алыс калат.

Кайталап айтамын, байлар, манаптар жана падышалык көп сандаган зулумдар (болуштар, старчындар, бийлер ж. д. у. с.) мал чарбасынын кедери кетүү процессине тартылып, мал жагынан жоготууларга учураган болушса да, алар анысын пара алуу, ар кандай чыгымдар салуу аркылуу ашыгы менен кайтарып алышкан. Ал топ үчүн айырма бул эле болгон: мал ордуна алардын чөнтөгүнө эмгекчилер төлөп турган акча түшкөн, анан жакырданган кыргыз кедейлери менен батырактарынын эсебинен арзан жумушчу күчүнө ээ болушкан.

Бирок мен бир аз алга озунуп кеттим окшойт. Жер маселесине кайра кайтайын, анткени ал көтөрүлүштүн чыгыш себептерин айкындоо үчүн чечүүчү маселе болуп саналат. Жети-Суу облусунун согуш губернаторунун ошол эле отчётунун дагы бир жеринен далил келтирбесем токтоно алчудай эмесмин. Анда ошентели: «Жергиликтүү көчмөндөрдүн эмнеликтен нааразылык билдиргендигинин себептери али так айкындала элек, – деп жазат согуш губернатору, – бирок Жети-Сууну орустардын кеңири колониялашы, бул колониялоо мурда кеңирсип жаткан мейкиндиктерди куурулткандыгы, а кээ бир жерлерде жергиликтүү адамдарды мурдагы жер-суусунан кол жуудуруп таштаганы анын башкы себептеринин бири болгондугу шексиз…

Натыйжада, келгиндер уюмунун жерге орноштуруу иштери алгачкы жылдарда эле кыргыз чарбаларын кысталыш абалда калтыруу маанисинде гана эмес, ошондой эле андан көбүрөөк чечкиндүү чараларды көрүп да тукулжураткан. Талаа жерлерин башкаруу жобосунун 125-статьясына карабастан, кыргыздарды жаман жерлерге кууп чыгып, ошол эле убакта алардын асыл жерлерин тартып алуу учурлары болгон… Иш 1909–11-жылдарда жөнгө салынган, бирок ал кезде оңдоого болбос көп иш жасалып калган эле, жакшы жерлердин запастары өз бетинче келгендерге берилип бүтүп, кыргыздар ашкере кысымга алынып, башка жерлерге айдалып ташталган болучу, а кайрадан байкерчиликте жашоо жана ишти план ченемдүү жүргүзүү үчүн жер өтө аз калган эле, анткени Жети-Суунун колонияланыш мүмкүнчүлүгү биз мурда ойлогонубуздан чоң эмес болуп чыккан» (Погорельскийдин «Экономика кочевого аула Киргизстана» деген эмгегинен цитата келтирип жатам, 40-б.).

Ошентип, келтирилген бул цитатадан жер маселесинде алар өздөрүнүн эле закондору менен эсептешпегенин жана «кыргыздын көп чарбаларын куурулткандыгын», «оңдоого болбос көп иш» жасашкандыгын, «кыргыздар ашкере кысымга алынып, башка жерлерге айдалып ташталганын», «кайрадан байкерчиликте жашоо үчүн жер өтө аз калганын», анан ошондой куурултуу көтөрүлүш чыгарыштын башкы себептеринин бири болуп саналгандыгын падышалык зулумдардын өзү мойнуна алгандыгын көрүп турабыз. Бул жөнүндө падышалык зулумдар мурда, көтөрүлүш чыкканга чейин билген беле? – деген суроо туулат. Албетте, билген, бирок ошондой болсо да кеңири эмгекчилер массаларынын мындайча курулушунун талап-тонолушунун акыры жакшылык менен бүтөт деп үмүттөнгөн, анткени ал эмгекчилер массаларынын революциячыл күчүнө эмес, байлардын жана манаптардын массаларга тийгизген таасирине катуу ишенип, алардын жардамы менен массаларды колонизаторлордун, падышачылыктын айтканына кулдарча кулдук урдуруп кармап турууга үмүт төнгөн.

Ошентип, 1916-жылдагы көтөрүлүш чыккан мезгилге карай кыргыз калкы жерден жана суудан пайдалануу көз карашынан алганда чарбалык өсүш үчүн эч кандай келечексиз абалда калтырылган. Падышалык администрациянын өкүлдөрүнүн өзүлөрү моюндарына алышкандай, Кыргызстан аймактарынын колонияланыш мүмкүнчүлүгү, алар мурда ойлогондой, анчалык чоң эмес болуп чыккан. Бирок «оңдоого болбос иш» жасалып бүтүп, кыргыздардын жер-суусу тартылып алынып, кыргыздар мал чарбасын өнүктүрүү үчүн негизги базадан – жерден кол жууп, ушунун өзү менен жарым ачкачылыкта жашоого, тукуму курут болууга кириптер кылынган.

Кыргызстан аймактарынын колонияланыш мүмкүнчү лүгүнүн жетишсиз болуп чыгышы падышалык администрациянын жана келгиндер уюмдарынын алдына колониялаштыруу фондуларын түзүү үчүн жаңы жер участокторуна суу чыгаруу проблемасын койгон. Падышалык администрациянын жергиликтүү калктын тагдырына кайдыгер мамиле жасагандыгын, айтсак, мындай да бир мисал далилдеп турат. Жерден пайдалануу жагынан аргасыз абалда калтырылган кыргыздарды көрүп эле турган падышалык администрация келгиндер поселокторун түзүү үчүн кыргыз жер-суусун колониялап басып алуунун ашынган өзүм билемдиги убагында кыргыздар тарткан зыяндын эсесин жаңыдан суу чыгарылып жаткан жерлердин эсебинен кайтарып берүү жөнүндө ойлоп да койгон эмес.

Кыргыздар жер жагынан канчалык куурулгандыгы мындай бир эле фактыдан көрүнүп турат. Профессор Васильев эки уезддеги ар бир кожолукка 1915-жылы орточо канча тешеден айдоо жери туура келгендиги жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды келтирет:

Пишпек уездинде Пржевальск уездинде
Орустарда                   8,46                          7,67
Кыргыздарда                  3,28                          1,66

Кыргыз калкынын айдоо жерлеринин мынчалык чеке жылытпаган көлөмдө болуп калышы алардын чарбачылыгынын мал кармоочулук мүнөзү, көчмөн турмушта жашоосу менен түшүндүрүлөт дегендей көрүнүшү мүмкүн, бирок бул таптакыр туура эмес. Кыргыз калкынын отурукташуу жана жер иштетүү процесстери болжол менен Кыргызстандын аймагын падыша өкмөтү колониялоого киришкен кезде кошо башталган. Бирок бул отурукташуу процесси аяктабай калган. Мында падышалык администраторлордун жана алардын саясатынын кыйла күнөөсү бар, анткени алар колониялоо максатында кыргыздар өзүлөрү суу чыгарып, оңдоп-түзөп алган жерлерди тартып алышкан. Мына ушуну менен бул жерлерге ээ болобузбуболбойбузбу деген күмөндүктү туудурган.

Жерлерди улуттук топтор ортосунда бөлүштүрүү көз карашынан алганда иш ушундай абалда турган.

Эми кыргыз жер-суусун колониялоо жана кыргыз калкынан жакшы жерлерди тартып алуу мал чарбасынын абалына кандай таасир этти экен? – ошого токтололу. Бул суроого жооп берүү үчүн Шкапский 1907-жылы жарыялаган цифраларды келтирүүгө уруксат этиңиздер. Мурдагы Жети-Суу областындагы абал анын маалыматтары боюнча мындай: бодого айландырып эсептегенде орус дыйкандарынын ар бирине 18,3, ар бир казакка 8,8 жана ар бир кыргызга 12,4 кара мал туура келет. Көрүп турганыңыздардай, Шкапскийдин маалыматтары боюнча, эгерде бирдик үчүн бир түтүндү алсак, анда 1907-жылы келгин дыйкандардын ар биринин колундагы мал кыргыздардыкынан көп болгон. Мындан жайыттардын тардыгына кыргыздардын мал кармаган чарбалары үчүн туруктуу тоют базасын түзүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу малдын улуттук топтор боюнча бөлүштүрүлүшүндө келгин дыйкандардын пайдасына өзгөрүштөр болгон деген жыйынтык келип чыгат.

Ырас, башка, 1915-жылы профессор Васильев жарыялаган маалыматтар боюнча малдын улуттук топтор боюнча бөлүштүрүлүшүнөн бир аз башкачараак абалды көрөбүз, жылкыга айландырып эсептегенде ар бир түтүндө төмөнкү дөй мал болгон:

Пишпек уездинде Пржевальск уездинде
Орустарда                   8,98                          14,72
Кыргыздарда                  17,10                          15,90

Сиздерге 1907-жылдан баштап жерден пайдалануу жагында кыргыз калкын салыштырмалуу жакшы абалга койгон өзгөрүштөр болгонсуп, ошондон улам 1915-жылы алардын мал чарбасы өскөн сыяктанып көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул анчалык туура эмес. Бул жерде 1910–11-жылдарда жаңы келгиндер келе баштагандыгын, алар орус кыштактарынын кыйла санын түзгөндүгүн, бирок чарбалык жактан биротоло чыңдалууга жана малын көбөйтүүгө али үлгүрө албагандыгын эске алуу керек. Келгиндердин ар бир түтүнүндөгү малдын саны кыргыздардыкындагыга салыштырганда 1915-жылы азайып кеткенсип көрү нүшү дал ушул жагдай менен түшүндүрүлөт. Эгерде биз мурда келген орустардын поселокторундагы түтүнүнө жана кыргыздардын ар бир түтүнүнө туура келген малдын санынын катышын алсак, анда Шкапский бизге көрсөткөн абал өзүнүн күчүн ушул кезге карай да сактап турган болор эле. Менин бул болжолдоомду Румянцев 1913-жылы жүргүзгөн экономикалык изилдөөлөрдүн маалыматтары ырастап турат. Ал маалыматтар боюнча Пржевальск уездинде мурда келген орустардын кыштактарынын ар бир түтүнүнө, бодого айландырып эсептегенде 17,57, кыргыздардыкына – 15,70 мал туура келет.

Малдын составынын сапаттык жагынан да келгиндердики кыргыздардыкына караганда жогору тургандыгы кызык.

Малдын составы жөнүндө Васильевдин проценттик катышта берген маалыматтары мындай:

Пишпек уездинде    Пржевальск  уездинде
 орустарда  кыргыздарда    орустарда    кыргыздарда
Жылкы 20,1   12,2        21,9        14,5
кара мал 40,3   8,2  29,5        7,0
кой-эчки                 30,9   78,5         43,1        7,7
чочко 8,7    –          5,5        –
төө       1,1          –         0,7

Бул цифралар малдын сапаттык составы көз карашынан алганда орустарда абал кыйла жакшы болгондугун көрсөтүп турат. Бул кара малды жана жылкыны жаюу үчүн көбүрөөк түзөң жайыттар талап кылынгандыгы, алар кыргыздарда жок экендиги, туурасын айтсак, колониялоонун натыйжасында кыргыздар алардан ажырап калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мына ошондуктан, өзүлөрүнүн карамагында калган жайыттарга, көбүнчө майда жандыктарды гана жоюуга мүмкүн болгон апай беттерге ылайыкташып, кыргыздар кой-эчкилерди кармоону өнүктүрүшкөн.

Колониялоонун натыйжасында кыргыз калкы жакшы жер-суусунан, жайыттарынан ажыраган, алар мал багылуучу участокторду жана казынанын токой дачаларын түзүү үчүн тартылып алынган. Мунун кесепети мал чарбасынын кедери кетиш жана кыргыз калкынын отурукташып, дыйканчылык кылуу мүмкүнчүлүгүсүз калышы болгон. Жакырданган кыргыз кедейлери менен орто дыйкандары орус келгиндери үчүн да, ошондой эле кыргыз байлары жана манаптары үчүн да кул-батырактарды берип туруучу булакка айланган.

Эми келгендердин мүлктүк (социалдык) абалынын жана алардын жергиликтүү калк менен өз ара мамилелеринин мүнөзүнө кайрылалык. Орус келгиндерин мурда жана жаңы келгиндер деп эки топко бөлүп кароо керек. Мурда келгиндери өзүлөрүнүн мүлктүк абалы жагынан ушунчалык жогору турушкандыктан, бул фактыны танууга падышалык чиновниктердин өзүлөрү да аргасыз болушкан.

Бул маселе жагдайында Шкапский минтип жазат: «Небак орун-очок алып калган кыштактардагы дыйкандар өзүлөрүнүн экономикалык абалы жагынан Европалык Россиянын ички губернияларынын дыйкандары менен салыштырылышы мүмкүн эмес. Ушунчалык жетиштүү жашагандыктан, аларды жөн эле оокаттуу гана эмес, бай дыйкандар деп эсептөөгө болот». (О. А. Шкапский – «Переселенцы-самовольцы и аграрн. вопрос в Семир. обл.», ст.59).

Бул Васильевдин цифралык кээ бир маалыматтары менен да ырасталып турат. Мурдагы Пишпек жана Пржевальск уезддериндеги келгиндер кожолуктарын айдоо жерлерине жараша топторго бөлүштүрүү төмөндөгүлөрдү көрсөткөн:

Бул таблицадан көрүп турганыңыздардай, кожолуктардын дээрлик 70%ин оокаттуу-кулак кожолуктарына эркин эле кошууга болот. Бул кожолуктар өз эмгеги менен эмес, батырактын, негизинен өз эмгегин көз карандылык шарттарда сатууга аргасыз болгон кыргыздын эмгеги менен иштеткен.

Кожолуктардын саны процент менен
Пишпек Пржевальск
уездинде уездинде
Эгин экпегендер        6,7                           3,28
3 тешеге чейин эгин эккендер        14,35                            11,44
3 тешеден 5 тешеге чейин        9,35                            13,52
5 тешеден 10 тешеге 21,75                             31,15
10 тешеден   15 тешеге 17,25                            21,74
15 тешеден 25 тешеге 19,20                            14,41
25 тешеден көп 11,44                           4,45

Бул маалыматтардан падышачылык материалдык жактан өтө камсыз болгон, б.а., кулактардан өзүнө бекем тирек түзүү жагынан өз алдына конгон максатына белгилүү даражада жеткен деген жыйынтыкка келүү керек. Бирок падышачылык муну менен чектелип калган эмес. Өзүнүн сурап турган акыркы жылдарында акын бул жергеге келгендерди жайгаштыруу саясатында башка бир багыт басымдуулук кыла баштаган. Ал багытка ылайык, бул Жергеде орустарды жаңы аймактарга отурукташтырууну андан ары улантууда мурда келгендердин үстүнө өтө оокаттуу, материалдык жактан камсыз болгон орус дыйкандарын жайгаштырууну, ошону менен өзүнүн позицияларынын кебелбес болушун дагы чыңдап алууну көздөгөн.

Бул жагынан баякы эле Васильевден кызык документтерди табабыз. Суу чыгарылган аймактарга жайгаштырылуучу келгиндерди тандап алуу жөнүндө Васильев минтип жазат: «Сугат курулуштарына мамлекет тарабынан жумшалуучу каражаттар кандай жолдор менен табылбасын, мамлекет ал каражаттарды кайра кайтарып алышы тийиш. Ошондуктан мамлекет өзү суу чыгарган жерлерге жайгаштырылчу келгиндерди алгачкы жылдардагы уюштуруу иштеринин чыгымдарын көтөрүп кетүүгө жана сугат дыйканчылыгын интенсивдүү жүргүзүүнүн жаңы талаптарын өздөштүрүүгө жөндөмдүү колонизаторлордон тандап алууга, албетте, кызыгат. Жети-Сууда суу чыгарылган жерлерге жайгаштыруунун жергиликтүү шарттары жана чарбачылык кылуунун интенсивдүүлүгү жаңы жерлерге көчүрүп барып эле жайгаштыруунун демейдеги шарттарына караганда бул жакка келип отурукташуучулардын алда канча мал-мүлктүү, оокаттуу болушун талап кылат».

Менимче, муну түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Васильев мамлекеттин эсебинен суу чыгарылган жерлерге ашыкча болуп калган дыйкан калкын эмес, Россиядан келген оокаттуу кулак кожолуктарын жайгаштыруу керек деп ачык эле айтып жатат. Анткени алар жаңы жерлерге келишкенден кийин өзүлөрүнүн чарбалык жактан жайланып алышы үчүн падышалык өкмөттөн кошумча финансылык чыгымдоолорду талап кылышмак эмес. Падышачылык чынында эле ушул жолго түшкөн. Ырас, ал мындай жолду Жети-Сууда эмес, Кыргызстандын аймактарында эмес, Бетпак-Талаада колдонгон. Бетпак-Талаага орус дыйкандарын жайгаштырууда белгилүү мүлктүк ценз талап кылынган, башкача айтканда, Борбордук Россиядан жокчулук чет жакаларга кууп чыгып жаткан жерсиз дыйкандар үчүн Бетпак-Талаа жабык болгон.

Мына ошентип, социалдык көз караш жагынан алганда, падышачылык Түркстанда да, Кыргызстанда да эксплуататорлор кожолуктарынын категориясына эркин эле кошууга боло турган, ушундан улам өзүнүн чарбалык жактан андан ары өсүшү үчүн орус жана кыргыз кедейлери менен батырактарын эксплуатациялоодо өзүнүн укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн падышачылыктын сакталып тура беришине кызыккан келгин дыйкандар кожолугунун тибин түзгөн.

Мурда келгендердин поселокторундагыларга салыштырганда жаңы келгендер материалдык жактан начарыраак жашаган, бирок аларда чарбалык жактан тез өнүгүү тенденциясы болгон, анткени алар өз чарбаларын куроого кыйла кредит, жакырданган кыргыз кедейлери менен батрактарынан арзан жумушчу күчүн алышкан жана өзүлөрүн жакшы жер, сугат каналдары менен камсыз кылуу маанисинде айтканда падышалык органдардын белгилүү колдоосунан пайдаланышкан.

Үстөмдүк кылып турган улуттун өкүлдөрү катары, падышачылык тарабынан эзилип турган улуттарды жек көрүү рухунда тарбияланган ал келгин дыйкандар жергиликтүү калк менен өз ара туура мамиле түзө алышкан эмес. Тескерисинче, келгин дыйкандар көп учурда кыргыздарга дурус мамиле жасашкан эмес, ошондуктан, Жети-Суу облусунун мурдагы согуш губернатору генерал Фольбаумдин сөзү менен айтканда, мына ошол негизде «келгиндер менен жергиликтүү адамдардын ортосундагы өз ара кастык мамилелердин бирин-экин көрүнүштөрү өнөкөт нерсе болуп калган». «Келгиндер менен жергиликтүү адамдардын өз ара мындай кастыгын» алар ар түрдүү расанын өкүлдөрү болгон дегенди ж. д. у. сыяктууларды бетке кармап түшүндүрүү туура болбос эле. Булардын ортосундагы кастык мындай мамиле алардын бул жердеги жер, суу, экономикалык белгилүү позицияларды алуу үчүн өз ара күрөшүнөн келип чыккан.

Келгин дыйкандар менен кыргыздардын ортосунда падышачылык мезгилинде түзүлгөн өз ара мамилелерди мүнөздөө үчүн дагы бир-эки мисал келтире кетели. ЖетиСуудагы келгиндер районунун агроному В. Воротников Чүй участоктору жөнүндөгү өзүнүн отчётунда минтип жазат: «Эки-үч (кожолук – Д. А.) кыргыздарга бооланган беде берип, алардын кыштоолорун сатып алышты, короо-сарайлары кадимкидей жакшы бул кыштоолор үчүн, акчага айландырып эсептегенде, алар 1–2 эле сом төлөштү. Башка кожолуктар кыштоолорду эч нерсе төлөбөй, эч кимден уруксат сурабай эле ээлеп алышты.

Келгиндердин көпчүлүгү кыргыздардан өтө оригиналдуу жол менен малдуу болушту. Келгиндер өзүлөрүнө берилген участокторго келгенден кийин кыргыздар эккен жана сугарып өстүргөн беде аянттарын бири-бирине жемин жедирбей өз ара бөлүп алышты… Ал жерлердин жаңы ээлери мурдагы ээлерине (кыргыздарга) беде аянттарынын теңин чаап алууну сунуш кылышты, кыргыздар буга макул болушту, анткени аларда башка арга жок эле. Кээ бир учурларда кыргыздар беденин түшүмүнүн 1/3 бөлүгүн өзүлөрүнө берилген сыйлык катары алып канааттанууга тийиш болушту.

Мына ушундайча чаап-жыйналган бедени алган келгиндер кыргыздарга ошол эле беденин ар бир боосун 3 тыйындан сатышат (азыр бир боо беде ал тургай Верныйда да 1–1/2 тыйындан кымбат сатылбайт). Кыргыздар акча ордуна жылкы жана кара мал беришет, анын үстүнө 50–60 сомдук жакшы жылкы 1000 боо бедеге, башкача айтканда, ашып эле кетсе 15 сомго бааланат. Мына ошентип, келгиндер баасы жагынан өзүлөрү үчүн текейден арзан турган бедени өзүлөрү каалаган убагында каалаган жагына алып кете беришээр нерсеге айырбаштап алышат.

Келгиндер өзүлөрүнө берилген жер участокторуна жайланышып алышкандан кийин эмгек кылууга эмес, кыргыздарды бетпактык менен, таптакыр жол берилгис түрдө, ылайыктуу бир дагы учурду колдорунан чыгарбай эксплуатациялоого киришти. Албетте, андай даттануулардын арасында жерибизди малга тебелетип салышты деген доо биринчи орунда турат деңизчи; анткен менен андай тебелеткендик үчүн келгиндер тийиштүүсүн чыпчыргасын коротпой эле алып турушат, азыр болсо көп учурда келгиндер менен кыргыздардын жерлеринин чектери так ажыратыла элек кезде эле кыргыздар өз алдынча эгин эгип койгон 6 участок жер үчүн олжобузду алабыз деп кымылдап күтүп жүрүшөт.

Областта бош жаткан (бош жатты бекен? – Ж. А.) жерлердин зор мейкиндиктерин көргөн жана миллиондогон, көпчүлүгү момун жана коргоосуз турган кыргыз калкын эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн түшүнгөн алардын эсидарты эле кантип дагы жакшыраак жайланышып алаар экенбиз, азыркы абалыбыз бизди жетишерлик даражада канааттандырбай турат деген болуп калды».

Көрүп тургандай, бул Кыргызстандын түндүк аймактарына тийиштүү абал, биз түштүк аймактарынан да ушунун эле өзүн көрөбүз. Сыр дарыя келгиндер районунун чиновниги, П. Рылов деген неме минтип жазат: «900-жылдардын баш ченине карай жергиликтүү (Фергана – Ж. А.) администрация буларды (келгиндерди – Ж. А.) отурукташтыруу үчүн жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү, ошондуктан көчүп келип жайланышуу ачык эле өз бетинче басып алуу мүнөзүндө болуп калды, бул жорук Анжыян уездинин Көгарт өрөөнүндө бөтөнчө көрүндү (Көгарт өрөөнү азыр Кыргызстандын Жалал-Абад районунун составына кирет – Ж. А.). Бул жерде келгиндердин чоң топтору кыргыздарды турган жерлеринен айдап чыгышып, алардын мал-мүлкүн басып алышты, кыргыздардын кыштоолордогу там-таштарын бузуп, өзүлөрүнө үй тургузушуп, же отун кылып жагышты. 1906-жылдын баш ченине карай… Фергана областында жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган 10 кыштак өз бетинче мына ушундай жеткен бейбаштык жол менен пайда болду». Келгин дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда болгон өз ара мамилелерге келгиндер уюмдарынын чиновниктери тарабынан берилген мүнөздөмө мына ушу, ал өз ара мамилелер өтө жаман болгондугун далилдеп турат.

Өзүнүн социалдык табияты боюнча келгиндердин жана кыргыздардын эмгекчилеринде мындай туура эмес өз ара мамилелер, мындай жек көрүү болбошу тийиш эле, бирок бул ошол эле учурда «Элдерди өз ара жатсынтыштыруу үчүн бардыгын жасаган» (Ленин) падышалык өкмөттүн саясатынын натыйжасында кадиксиз нерсе болуп чыккан. 1916-жылга карай биздин көз алдыбызда жөн эле келгиндер эмес, көбүнчө падышачылык Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы таасирин чыңдоо ишинде өзүнүн тиреги катары кароого үмүт кылган келгин кулактар турган.

Кыргыз калкынын жерди пайдалануу тартибин кароого өтөлү. Бул жерде бир нерсени эскертип коюу керек. Мен кыргыз жерине келген дыйкандар жер-сууну өз бетинче басып алышкан деп айтып өттүм. Ал юридикалык жактан тартипке салынбагандык маанисинде гана өз бетинче басып алуу болгон, бирок аны өз бетинче басып алуу деп айтууга болбойт, анткени өзүлөрүнүн материалдык абалын кыргыз эмгекчилер массаларынын гана эсебинен жакшыртууга кызыкпаган кыргыз бай-манаптары келгиндерден да «элчи» алып калууну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептешкен. Мына ошондуктан кыргыз калкынын кеңири катмарларынын жерге болгон муктаждыгы менен эсептешпей, алар мына ошол өз бетинче келгендерге кыргыз эмгекчилер массаларына таандык жерлерди сатышкан же узак мезгилге арендага беришкен. Мына ошентип, кыргыз жерине орустарды жайгаштыруу, кыргыз эмгекчилер массаларын жерден, жайыттардан ж. б. у. сыяктуулардан кол жуудуруу маанисинде алганда байлар жана манаптар падышалык бийликке өлчөөсүз чоң кызмат көрсөтүшкөн. Жерлерди кыргыз калкынын өзүнүн ичинде бөлүштүрүү маселесине келсек, кыргыз калкынын пайдалануусунда калган жакшы жерлердин, жайытт ардын экономикалык жактан кубаттуу, колу көп уруулардын колунда, ар бир уруунун ичинде, албетте, бай жана манап элементтердин колунда калышы эреже болгон.

Мына ошондуктан байлар жана манаптар падышалык колониялоодон жабыр тартышкан болсо да (анткени мал кармаган калктын негизги массасынын жакырданышына байланыштуу алардын эксплуатациялоо объектисинин чектери тарыган эле), ошондой болсо да алардын абалы эмгекчилер массаларынын абалына салыштырганда алда канча жакшы болгон, себеби мал чарбачылыгынын кедери кетиши, эмгекчилер массаларынын жакырданышы келгин орус кулактарына гана эмес, ошондой эле кыргыз феодал-манаптарына да арзан жумушчу күчүн камсыз кылып берген. Адамдын эмгеги негизги өндүргүч болуп саналат, ал материалдык байлыкты жаратат. Бул күчтү – батырактын жана кедейдин эмгегин өзүлөрүнүн баюу кызыкчылыктарында пайдаланууда кыргыз байлары жана манаптары жеткен ойлоп тапкычтыкты көрсөтүшүп, өзүлөрүнүн таш боордугу жана бетпактыгы жагынан тапташ тургандарынан – келгин кулактардан кем калышкан эмес.

Мындан тышкары, падышачылык кыргыз калкынын эксплуататор төбөлдөрүнүн да арасынан өзү үчүн бекем тирек түзүүгө таламдаш болгон. Мына ошондуктан кыргыз калкын административдик жайгаштыруу жагындагы иштин бүткүл системасы кыргыздар чөйрөсүнөн падышачылыкка кызмат кылып берүүчү элементтерден турган кыйла кадрларды түзүү көз карашынан жүргүзүлгөн. Бул жайгаштыруу айрым райондун экономикалык жактан туташ жайгашуусу менен да, волостторду уюштуруу принциптери менен да байланыштырылган эмес, ал айрым байлардын жана манаптардын кызыкчылыктарына ылайык жана көпчүлүк учурларда уруулук принцип боюнча жүргүзүлгөн.

Падышачылык доорунда 500–600 кожолуктан волость түзүп, кыргыздарды административдик жактан жайгаштыруу эреже болуп калган. Ал экономикалык көз караштан алганда ошондой волосттун калкынын мойнуна түшкөн чыгымдарды көтөрө албаган майда волость болгон. Бирок ал байлардын жана манаптардын көз карашынан алганда, ушул байлардын жана манаптардын эсебинен падышачылыкка кызмат кылуучу элементтердин армиясын (болуштарды, старчындарды) түзүп берген падышалык администрациянын көз карашынан алганда толук максатка ылайыктуу болгон. Падышачылыктын мамлекеттик башкаруу аппараты ушунчалык мите аппарат болгондуктан, анын ишинде калктын кеңири катмарларынын кызматчылыктары жөнүндө камкордук көрүү эмес, эмгекчилер массаларынын эсебинен чиновниктердин, болуштардын, байлардын армиясын эң жакшы камсыз кылуу аракети негизги орунда турган. Мына ошондуктан пара алуу, «чыгым» төлөтүү жана башка алымдар дээрлик закондоштурулган иш болгон.

Падышачылыктын ынтаалуу кошоматчылары өз эмгектеринде падышачылыктын бул жергени колониялашы ага тынччылык берди, кээ бир уруктардын, уруулардын ортосундагы чабышуулар токтоду деп жазышат, бирок ал адамдар башкаруунун падышалык системасы эмгекчилер массаларын мурдагы каракчылык талап-тоноонун ордуна закондоштурулган, уюшкан түрдөгү талап-тоноону камсыз кылгандыгын унутуп коюшат. Ошол эле адамдар бул Жергени падышачылык каратып алышына байланыштуу эмгекчилер массаларынын абалы кыйла жакшырды, анткени падышалык бийликтин закондору тарабынан бирдей шарттарга коюлган байлар жана манаптар эмгекчилер массаларынын мүлктөрүн каалаганындай калчай албай калышкан дейт. Деген менен ал адамдар падышачылыктын бул Жергени каратып алышы жана падышалык администрациянын өкүлдөрүнүн арам тамактыгы эмгекчилер массаларын талап-тоноону өтө күчөтүүдө кыргыз байларына жана манаптарына жаңы түрткү бергендигин таптакыр унутуп коюшат. Пара алуучулук кадимки эле кадыресе көрүнүш болуп калган. Баары – Жергенин башкы начальнигинен баштап, айылдагы акыркы элүү башчыларга чейинкилер пара алышкан. Уезддердин начальниктери, приставдар, алым жыйноочу инспекторлор, соттор, тергөөчүлөр, токой күзөтчүлөрү, болуштар ж.д.у. сыяктуулардын баары пара алышкан.

Бул маселеге менин көп токтолуп отурушумдун зарылдыгы жок, бирок уезддик начальниктердин бирине күзөт бөлүмү тарабынан берилген мүнөздөмө менен таанышып коюу сиздер үчүн кызыктуу болот деп ойлойм. Пржевальск уездинин мурдагы начальниги жөнүндө күзөт бөлүмү минтип жазат: «Полковник Иванов орус барининин бардык кылык-жоругу бар адам. Господин Иванов, эгерде кумар ойносо, ойногондой ойнойт, эгерде чайга чакырып калса, табылгыс дүр-дүйүм даамды жайнатып салат. Эгерде господин Иванов уезддин жерин көрүүгө чыгып калса, ал өзүнчө эле бир салтанаттуу жүрүш болучу. Ал үчүн кызмат адамдары жана манаптар Пржевальск шаарына чогулуп, уезддин начальнигин атчан узатып жүрүшчү. Ал токтолуп өтөөр жерлерге күн мурдатан жакшы боз үйлөр тигилип, ал жерлерге начальник келээр күндүн алдында ашпозчулар барышчу. Жети-Суу областынын административдик да, ошондой эле коомдук чөйрөсүндө да полковник Ивановдун «айкөл Валериан» деген лакабы бар болучу. Полковник Иванов байлыгынын мүмкүнчүлүгүнө караганда агыл-төгүл жашоочу, «пара алуучу» эмес, бирок жергиликтүү адамдардан өтө көп карыз алуучу, карызы канча экенин аныктай алган жокпуз, бирок ал дээрлик бардык таасирдүү бай-манаптарга карыз болучу. Бирок «карызды» деле өзү атайлап алчу эмес, өзүнө «берилген» жергиликтүү адамдар, өзү болуштукка өткөргөн (Кадыр) жигит аркылуу алуучу. Бул Кадыр – жигиттердин бардыгы уезддин начальниги менен ынак экендигинен пайдаланып, опузалап акча алышчу».

Токой ведомствосунун чиндеринин да паракордугу жөнүндөгү мындай далилдерди Куропаткиндин айткандарынан да учуратабыз. «Тийиштүү контролдоодон тышкары калган токой корукчулары,  – деп жазат Куропаткин, – калктын башына түшкөн бир балээ болуп саналат, токой ведомствосунун чоңдору мындай кыянатчылыктардын бар экени ырас дешет, бирок токой корукчуларынын материалдык абалын жакшыртпай, алардын санын көбөйтпөй казына дачаларынын чектерин так аныктабай, эзүүнү жана пара алууларды тыйбай туруп, токой корукчуларынын, ал тургай жергиликтүү калктын пайдалануусуна калтырылган жерлерде да ошондой алдым-жуттумдук кылууларын токтотууга мүмкүн эмес».

Пара берүүдө өзүнчө бир түрдөгү конвейер системасы түзүлгөндүгүн таасын байкагандыгын белгилеп, күзөт бөлүмүнүн ишин калыс баалоо керек. Бул системага ылайык, айылдагы кедей, орто чарба адам айыл старчынына, ал болушка, болуш тилмечке, тилмеч уезддин начальнигине, уезддин начальниги өзүнөн жогору турганга ж.д.у. сыяктууга пара берген. Анан бул кадрлардын баары уезддин начальниктерине жана приставдарына чынында эле «тартуу» чогултушкан учурларында өзүлөрүнө колдоо көрсөтүп жүргөн начальниктеринин гана эмес, ошондой эле өзүлөрүнүн да кулкундарын толтуруп калгыдай көп чогултушкан.

Падышачылыктын акыркы жылдарында пара берүү ушунчалык ачык бетпактык көрүнүш болуп кеткендиктен, Пржевальск уездинде жергиликтүү бир закон киргизилген, ага ылайык, апийим айдагандар ар бир теше жерден уезддик администрациянын чиновниктеринин пайдасына 5 сомдон берип турушкан. Падышачылыктын табиятына мүнөздүү паракордуктун мындай системасы падышачылык башкарып турган акыркы жылдарда кыргыздардын ичинен манаптардын жаңы катмарларынын мансапка көтөрүлө башташына алып келген, ал манаптар коомдук шатынын мындай чокусуна негизинен уезддин начальниктерине, приставдарга ж. д. у. сыяктууларга пара берүү түрүндө мал-мүлкүн көзүнө карабай чачуу жолу менен жетишкен.

Падышачылыктын акыркы жылдарында Пржевальск уездинде болуштукка пара берүү менен жетишкен эки болуш кыргыздардын «саясий жана коомдук» турмушунда башкы роль ойношкон. Булар ондогон жылдар бою батырактык кылып, андан кийин уезддик башкарманын жигиттери болуп иштеген адамдар болгон. Алар ошо уезддик башкарманын жигиттери болуп турушканында мал-мүлк дегенди көп басышкан. Бул мал-мүлктөрү алардын өзүлөрүнүн карындарын толтурууга гана эмес, ошондой эле пара берүүнүн жардамы менен уезддик администрацияга да жакындашууга мүмкүнчүлүк берген. Мисалы, Абдылда Сарынов жана Сагын мына ошондой адамдар болгон.

Тектүү манаптардын бир бөлүгү падышалык администраторлордун жардамы менен эмгекчилер массаларын эксплуатациялоого анчалык ыңгайлаша албай, падышачылыктын тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда экинчи планга сүрүлүп калгандыгын белгилей кетүү кызык. Бул көрүнүш кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында чагылдырылган. Мурдагы Пржевальск уездинде төмөнкүдөй ыр эл арасында көп ырдалып жүрө турган. Анын маңызы мындай: «Бул дагы кудаа буйругу: Кутургу өттү оруска, жардамга келип улугу, жалгыз аттуу Кыдырбай жетип алды болушка. Бу дагы кудаа буйругу». Мага бул ыр өзүлөрү жалгыз аттуу болушса да уезддик администрация менен өзүлөрүнүн ынактыгынан пайдаланып, андагыларга эмгекчилер массаларынын эсебинен пара берип жүрүп, кыргыздардын коомдук турмушунда кыйла көрүнүктүү абалга жетип алган мына ошол кыдырбайлар тарабынан падышалык бийликтин тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда жетекчилик роль ойноодон сүрүлүп чыгарылган байлардын жана тектүү манаптардын ошол кыдырбайларга билдирген нааразылыгын чагылдырып тургандай көрүнөт. Майданга «жаш» манаптардын чыгышы жана тектүү манаптардын кээ бир бөлүгүнүн арткы планда калышы тектүү манаптардын көпчүлүгү «сүрүлүп чыгарылгандардын» категориясына кирип калган турбайбы деген жаңылышууга алып келбөөсү тийиш. Жок, тектүү манаптардын көпчүлүгү падышалык администрациянын жардамы менен эмгекчилер массаларын талап-тоноо шарттарына эң сонун ыңгайлашып алышкан болучу.

Болуштарды, бийлерди, старчындарды шайлоо, уезддик жана участоктук борборлорго ар кандай келипкетүүлөр, волостторго уезддик администрациянын чиновниктеринин  келиши ж. д. у. с. чыгым чогултуулар менен коштолгон. Бул «чыгымдар» теңдемечилик тартипте, социалдык айрым топтордун жана кожолуктардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуусуз салынган. Мына ошондуктан «чыгымдын» негизги оорчулугу дайыма эмгекчилер массаларынын мойнуна түшүп, ал чыгымды чогулткандар падышалык администрацияда кызмат кылгандардан күткөн өзүлөрүнүн «колдоочуларына» өз чөнтөктөрүнөн төлөмөк гана тургай, алардын жардамы менен өз байлыктарын көбөйтүп калуу мүмкүнчүлүгүн да алышкан. Бул көрүнүштүн канчалык закондоштурулган нерсе болгондугу мындан көрүнүп турат: начальниктердин жасоолдору болгон, алар падышалык казынадан эч нерсе алышкан эмес, бирок уезддик начальниктерде, приставдарда ж. д. у. сыяктууларда маяна албай кызмат кылууну эмнегедир пайдалуу иш деп эсептешкен. Пайдалуулугу ушул: алар да калктан пара алышкан, бул жөнүндө падышалык администрация да билген. Бул «чыгымдар» мамлекеттик салыктардан бир нече эсе көп болгондуктан, кыргыз эмгекчилер массаларын таптакыр жакырданткан. Уезддик бир начальник келип кеткенден кийин «чыгымын» төлөө үчүн бир кедей өзүнүн акыркы уюн сатууга аргасыз болгондугун өз көзүм менен көргөнмүн.

Буга кыргыздар арасында колдонулуп келген эзүүнүн өзүнчө бир формасын кошсок, анда кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын укуксуздугунун, кедерин кескен жакырдыгынын, абалынын аргасыздыгынын жөн-жайы таптакыр ачык-айкын болот. Ал мындай форма болгон: байлар жана манаптар кедейге саан уйларын жана аяк улоолорун убактылуу пайдаланууга беришкен, а кедей бул үчүн бүткүл үй-бүлөсү менен күндөп-түндөп, мөөнөт жана убакыт деген менен эсептешпей, ошол байга иштеп берүүгө тийиш болгон.

Кыргыз чарбасынын экономикасына товардык мамилелердин киргизилиши жана соода-сүткордук капитализмдин экономикага тийгизүүчү таасиринин өсүшү падышачылыктын бул Жергени колониялоосунун составдуу бөлүгү болуп саналат. Сиздерге капиталдын бул формасы материалдык жаңы байлыктарды түзбөстүгү, ал чарбалык организмге сүлүктөй жармашып, анын бардык ширесин соруп алардыгы, мына ошентип аны алсыратардыгы, мунун натыйжасында кайталап өндүрүү процесси андан ары улам көбүрөөк тарыган чектерде жүрүүгө аргасыз болордугу маалым. Сүткордук – бул капитал кыргыздар арасында ушунчалык жаман форма алгандыктан, сүткор көпөс калкка жазында карызга берген 50 тыйыны үчүн күзүндө бир козу алып турган же күзүндө калкка берген 1 сом 50 тыйыны үчүн жазында бир жаштык торпок алган. Бул капиталдын өкүлдөрү көбүнчө орус кулактар, өзбек жана татар көпөстөрү болгон, бирок кыргыз манаптары деле бул иштен четте калышкан эмес.

Мындай бир мисалды келтирейин: Күнгөй Аксуу волостундагы кездеме кыдыртып сатуучу сүткор, соодагер бир кыргыз кожолукка бир жуп көлөч берип, арадан үч жыл өткөндөн кийин ошол көлөчтөрү үчүн ал кожолуктан тайлактуу төө жана бир жылкы алыптыр. Соода – сүткордук капиталдын практикасында бул чанда бир учуроочу көрүнүш эмес, эреже болгонун далилдеп отуруунун кереги жоктур дейм.

Мына ошентип, падышалык администрация, анын пара алуу, талап-тоноо ж. д. у. с. системасы менен катар кыр гыз калкынын арасында жакырдыктын өсүшүн күчө түү маанисинде алганда соода-сүткордук капитал да өз ишин кылган.

Эгерде буга кыргыз байларында, орус кулактарында жана көпөстөрүндө иштеген кыргыз кедейлери менен батырактарынын алган эмгек акыларынын денгээлин кошсок, анда алар кандай жакырдыкка чейин жеткирилгендиги сиздерге ачык-айкын болот. Кыргыз байлары жана манаптары эмгек акыны натуралай төлөгөн жана аны акчага которгондо орус кулактарында бир жыл бою иштеген батырак мындан бир аз көбүрөөк, 30–40 сом алган. Бул батырактар өзүлөрүнүн кожоюндарынан эмгек акыдан башка эч нерсе алышкан эмес жана мына ушул кенедей эмгек акысынын эсебинен өзү кийиниши, тамактанышы жана өзүнүн үй-бүлөсүн багышы тийиш болгон.

Сыртынан караганда эркин сыяктанган, бирок кулак эксплуататорлорго, байларга жана манаптарга таандык жерге, малга көз карандылык шарттарда байланып турган кыргыз калкынын эмгекчилер массалары чындыгында крепостнойлордон анчалык айырмаланышкан эмес.

Жергиликтүү калктын акырындап азая бериши падышачылыктын колониялоо саясатынын натыйжасы бол гон. Кыргыздар 1902-жылдан 1913-жылга чейин 8,9%ке азайган. Мунун эсесине келгиндердин саны 10%тен көбүрөөк көбөйгөн.

Колониялоонун ашкере макталган прогрессивдүү миссиясынын натыйжасы кыскача мына ушу, империалисттик мамлекеттердин малайлары Чыгыштын колонияга айландырылган өлкөлөрүндө ушу кезде да аны жаагын жанып көкөлөтүүнү токтотуша элек.

СОГУШ ЖЫЛДАРЫ, КӨТӨРҮЛҮШ, АНЫН ЖЕҢИЛИШИ ЖАНА ЖЕҢИЛИШИНИН СЕБЕПТЕРИ

Согуш жылдары. Согуш жылдарында биз кандай абалда элек? Биз, жолдоштор, эмгекчилер массаларын эксплуатациялоо күчөп, пахта жана мал өстүрүүчү чарбалардын дээрлик бардык продукцияларына монополиялык баалар коюлуп, ал баалар продукцияларды өндүрүүгө пахтачылардын жана малчылардын жумшаган чыгымдарын актабай калган абалда турган болчубуз. Эмгекчилер массалары пахтаны, кийиздерди, кой терилерин, жоого минүүчү жылкыларын, боз үйлөрүн ж. д. у. сыяктууларын акчанын баркы кетип, өнөр жай товарларынын баалары өлчөөсүз өсүп жаткан кезде көпөстөргө мына ушул монополиялык баалар менен сатуулары тийиш болгон.

Мындан тышкары, согушуп жаткан армиянын муктаждыктары үчүн «ыктыярдуу» түрдө кийиз, байпак, аркан, жүн, тери, май ж. д. у. сыяктууларды чогултуу уюштурулган, булардын баары топтолук бойдон эмгекчилер массаларынын мойнуна түшкөн, анткени падышалык администрация тарабынан колдоого алынган байлар жана манаптар ошол алымдардын баарынан бошотулган болучу. Бул «ыктыярдуу» чогултуулар адатта мындай жол менен жүргүзүлгөн: уезддин начальниктери же участоктук приставдар болуштарды чакырып алып, согушуп жаткан армиянын жоокерлеринин муктаждыктары үчүн мынчалык кийиз, кой терисин, боз үй ж. б. у. сыяктууларды чогултуу керек деп айтышкан. Алар өз кезегинде айыл старчындарын жана атка минерлерин чогултуп, начальниктердин буйругун билдиришкен, кийинкилери болсо, албетте, эч кимди чогултпай эле кожолуктарга эмнени чогултуулары керек экенин бөлүштүрүп, аларды тапшыруунун мөөнөттөрүн так көрсөтүшкөн. Албетте, байлардын жана манаптардын кожолуктары андай чогултуулардан бошотулган.

Согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан жөнөтүлгөн мал-мүлктүн өлчөмү жөнүндө падышага 1917-жылы берген отчётунда Куропаткин мына буларды билдирген; согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан 40 899 244 пуд пахта, 38004 чарчы аршин кийиз, 3109 миң пуд пахта майы, 229 пуд самын, 300 миң пуд даярдалган эт, 473928 пуд балык, 70 миң жылкы, 12797 төө, 13441 боз үй (Рыскуловдун «Түркстандагы жергиликтүү элдердин 1916-жылдагы көтөрүлүшү» деген китебинен келтирип жатам, 86-б.) жөнөтүлдү. Көрүп тургандай, жөнөтүлгөн нерселердин тизмесинде боз үйлөр аяк жагында келтирилген. Бул боз үйлөрдү кантип жана кимдерден алышкан? Байлар жана манаптар бир нече боз үйлөрү болсо да боз үй беришкен эмес, бирок мунун эсесине кедейдин жана орто чарбанын акыркы боз үйүн алып коюшкан. Жылкы жагынан да ушундай болгон. Тандап алуу комиссиясына кедейдин жылкысы жагып калган болсо, аны а-бу деп отурбай эле алып коюшкан. Кедейлер жана батырактар мунун үстүнө империалисттик кырылышта салгылашып жүрүшкөн солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн акысыз иштеп беришкен. Көрүп тургандай, жергиликтүү калктын эмгекчи адамынын абалы 1916-жылга карай адам чыдагыс болгон. Алар өзүлөрү үчүн гана эмес, ошондой эле байлар жана манаптар үчүн да материалдык зыяндарды тартышкан. Алар солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн эмгегине эч нерсе албай иштеп беришкен.

Согуш, мына ошентип, жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын жакырданышынын күчөп жаткан процессин дагы көбүрөөк тездеткен, колонизаторлор, байлар, манаптар, сүткор көпөс аёосуз эксплуатациялаган паупер, батрак болууга аргасыз болгон адамдардын армиясын көбөйткөн. Алар жумушчу боло алышкан эмес, анткени падышачылык бул жерге өнөр жай ишканаларын курдурган эмес.

Шексиз, алардын аргасыздык, муктаждык, жакырдык абалы эмгекчи массаларында падышачылыкты толук закондуу жек көрүүнү туудурган. Ал кезде кыргыз эмгекчи массаларынын ичинен падышачылыктын согушта жеңилишин каалабаган адамды учуратуу кыйын эле. Кыргыздар падышалык армиянын жеңилгендиги жөнүндө ар бир кабарды чала, ошондой эле «ак падыша» калыстыктан калып бараткан деп угушкан. Алардын чыдамы чегине жетип бүткөн эле. Кыргыз калкынын негизги бөлүгүнүн өндүрүштүн негизги каражаттарынан – жерден, жайыттан жана суудан кол жууп калышы, аларды мүңкүрөткөн жакырдык, ачкалыктан өлүү кадиксиздиги, кулактардын, падышалык администраторлордун, байлардын жана манаптардын ж. д. у. сыяктуулардын биргелешкен күчтөрүнүн эзүүсүнөн кутулууну көксөө  1916-жылдагы көтөрүлүштүн объективдүү өбөлгөлөрү мына ушулар болгон.

Эмгекчи массалардын кыжырдануусу дүрмөттөр сакталган ороодой дүрт жарылууга даяр турган, бирок бул үчүн учкун керек эле. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу мына ошол учкун болгон. Мына ошентип, оорук жумуштарына жумушчуларды алуу көтөрүлүштүн чыгышына түздөн-түз шылтоо болгон, негизги себептери мен жогоруда айтып өткөн экономикалык факторлордо бугуп жаткан. Бирок оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун өзү деле белгилүү даражада себеп болгондугун, бирок чечүүчү, негизги себеби болбогондугун эскерте кетүү керек. Көтөрүлүштүн чыгышынын негизги себептери социалдык-экономикалык факторлордо, колониялык эзүү тартиби жерден, суудан, малдан, бир сөз менен айтканда, күн көрүү каражаттарынан кол жуудуруп салган эмгекчи массалар үчүн адам чыдагыс абал болуп калгандыгында эле.

Ошондой болсо да мен оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун маанисине да учкай токтоло кетмекчимин. Адамдар оорук жумуштарына гана алынып жаткандыгына, албетте, эч ким ишенген эмес. Мындай шылтоо менен солдатка алып жатышкандыгына дээрлик ар бир адамдын көзү жетип турган. Падышалык армияда эч кимдин кызмат кылгысы келген эмес. Кыргыздар падышалык армияда кызмат өтөөнү ушунчалык жек көрүшкөн, ошондуктан алар жер-суусу каратылып алынган алгачкы жылдарда өз балдарын окууга орус мектептерине беришкен эмес, анткени эмнегедир орус мектептеринде окуган балдарды сөзсүз армияга алып кетишет деп ишенишкен. Ошондуктан Жети-Суу областынын биринчи согуш губернатору Колпаковский орус жана жергиликтүү калк үчүн мектептер ачып, манаптарга балдарыңарды ошол мектептерге окууга бергиле деп сунуш кылганда, алар кедейлердин балдарын жана жетимдерди бергенибиз туура деп табышыптыр. Андай балдарды мектепке окууга берип жатышканда: «Буларды солдатка алып кетишсе да, капыр кылып коюшса да ичибиз оорубайт» – деп коюшчу экен. Бирок ал жетимдер орус да, солдат да болбой эле тилмечтикке үйрөнүп, алардын өзүлөрүнүн «куйругун бурап» киришкенден кийин гана балдарын орус мектептерине бере башташыптыр.

Мындан тышкары, оорук жумуштарына алууга эмгекчилер массаларынын мындай терс мамиле жасашында алардын фронттогу чыныгы абалды билбегендиги да кыйла роль ойногон. Орус дыйкандары менен ирегелеш жашап, алардын көбү менен таанышып калган кыргыздар фронтко жөнөтүлгөн Иван, Петров ж. д. у. сыяктуулардын көбү үйлөрүнө экинчи кайрылып келишпестигин жакшы билишкен. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу жөнүндөгү буйрукту эмгекчилер массалары мына ошон үчүн өтө душмандык менен кабыл алышкан.

Кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын арасында оорук жумуштарына алуу жөнүндө ача пикир болгон эмес. Алардын баары буга бир кишидей каршы чыккан. Ошентип, падышалык администрация болуштардын жана манаптардын жардамы менен мобилизациялоого даярданып жаткан кезде эмгекчилер массалары көтөрүлүшкө камылга көрө баштаган.

Манаптардын басымдуу көпчүлүгү мобилизациялоону кош колдоп кабыл алган. Алар мобилизациялоонун камсыз кылынышы үчүн массаларга таасир этүүнүн бардык каражаттарын, «ал тургай орус куралынын күчү менен» коркутууну да колдонушкан.

Россиянын борбордук шаарларында болуп келишкен кээ бир манаптар (Кыдыр) орус армиясынын күчүн өз көзүбүз менен көрдүк, ага каршы күрөшүүгө болбойт, мүмкүн эмес деп, калкты ынандыра баштаган. «Жакшы куралданган орустарга каршы согушууга болбойт. Баарыбызды кекиликтей терип атып, кырып таштайт». Мындай сөздөр көтөрүлүш чыгарууга каршы ынандыруунун көндүм ыгы болуп калган.

Падышалык бийликтин буйругу боюнча байлар, манаптар паралап, балдарын армиядан алып калууга, балдарынын ордуна жалданма кедейлерди, батрактарды жиберүүгө укуктуу болушу эмгекчилер массаларына бөтөнчө күчтүү таасир эткен.

Байларга жана манаптарга берилүүчү жеңилдиктер жөнүндөгү бул буйрукту чыгарууда, жумушчуларды оорук жумуштарына алууну жүргүзүүдө падышалык администраторлор алардын колдоо көрсөтүшөрүнө негизсиз үмүттөнүшпөгөн болуу керек. Калыбы, байлардын жана манаптардын колдоосу камсыз кылынар болгон соң чакырыктын ийгилиги да колубузда болот деп ойлошкон окшойт. Бирок алар дал ушул буйрук падышалык бийликтин өкүлдөрүн гана эмес, ошондой эле байларды жана манаптарды да эмгекчилер массаларынын жек көрүүсүн чегине жеткирип, жаалдантып чыгарарын эске алышкан эмес. Бул буйруктан кийин болуштардын жана падышачылыктын башка малайларынын оорук жумуштарына барууга көндүрүү аракеттерине эмгекчилер массалары: «Өзүңөр паралап барбай калар болгон соң айта бересиңер да», – деп кыска жана кесе айтышкан.

Ошентип, кыргыз эмгекчи массалары көтөрүлүшкө, улуттук боштондукка чыгуу күрөшүнө даярдана башташкан.

Кыргызстандын кээ бир жерлеринде айрым манаптардын көтөрүлүшкө катышкандыгы жана ал тургай ага башчылык кылууга аракеттенгендиги эч качан жаңылыш пикир туудурбашы тийиш. Бул эреже эмес, падышачылык «таарынтып» койгон, эмгекчилер массаларын талаптоноого падышалык администрациянын жардамы менен ыңгайлаша албай же начар ыңгайлашып калган манаптардын ушундай катмарлары дуушар болгон чанда бир учураган көрүнүш болгондугу эсиңиздерден чыкпасын. Алар көтөрүлүшкө падышалык бийликке каршы күрөшүү үчүн, кыргыз калкынын мүңкүрөп тургандыгына жаны ачыгандыгы, улуттук боштондукка чыгуу идеясына жан тарткандыгы үчүн эмес, эмгекчилер массаларынын кыймылы алардын өзүн тебелеп кеткидей кулач жайып алганынан коркуп катышышкан. Ошондуктан көтөрүлүшкө даярдануу убагында падышалык администрациянын колунан эч нерсе келбей калганын жана эмгекчилер массалары активдүү аракеттенип жатканын көргөндөн кийин массаларга тийгизген таасиринен ажырап калбоо үчүн көтөрүлүшкө кошулуп, «кээ бир жерлерде кыймылга да башчылык кылышкан. Көтөрүлүшкө каршы болгондорунун чыккынчылыгы кандай роль ойногондугу өзүңүздөргө түшүнүктүү. Бирок кандыкка көтөрүлгөндөрү да чыккынчылыкка чоң роль ойноптур. Шабданов Мөкүш Пишпек уездинин, Канат Ыбыкеев Загорский волостунун хандыгына көтөрүлгөн.

Эми ошолор эмне кылганына токтололук. Көтөрүлгөн калк тарабынан хандыкка шайланып, массалардын күрөшүнө жетекчилик кылып жүрдүм эле демиш болгон ошол Канаттын айтканынан алар (Шабданов Мөкүш жана башкалар) 7-августта Пишпек уездинин начальниги Рымшевичке жаштар оорук жумуштарына барбайбыз деп жатышкандыгын айтып барышкандыгын жана уезддин начальнигинин мандемдүү жерлерге аскер жиберүүнү суранышканын билебиз. Ал жерде Загорный волостунда үч күндөн кийин көтөрүлүш башталып, Канат өзүн ханмын деп жарыялаган.

Бай-манаптардын айрым катмарчаларынын көтөрүлүшкө катышканы, кээ бир учурларда алардын көтөрүлүшк ө жетекчилик кылышкандыгы, анан «хан бийлигин калыбына келтирүү маанисинде айтканда» кыймылга «феодалдык реакциянын демин кошкондугу» көтөрүл үштүн революциячыл мүнөзүн өзгөртө алган эмес. «Улуттук боштондук кыймылынын революциячыл мүнөз ү, – деп жазат жолдош Сталин, – империалисттик эзүүнүн кырдаалында кыймылда пролетардык элементтердин сөзсүз болушун, кыймылдын революциячыл же республикачыл программасынын болушун, кыймылдын демократиялык негизинин болушун дегеле талап кылбайт. Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн афган эмиринин (Аманулла хандын – Ж. А.) күрөшү эмирдин жана анын шериктеринин көз караштарынын монархиячыл мүнөздө экендигине карабастан, объективдүү түрдө революциячыл күрөш болуп саналат, анткени ал күрөш империализмди начарлатат, ичинен иритет, алсыратат, ал эми айталык, Керенский жана Церетели, Ренодель жана Шейдеман, Чернов жана Дан, Гендерсон жана Клайн сыяктуу «оттон-суудан кайра тартпаган» демократтардын жана «социалисттердин», «революционерлердин» жана республикачылардын империалисттик согуш убагындагы күрөшү реакциячыл күрөш болгон, анткени анын натыйжасы империализмди жасап-түзөө, чыңдоо, империализмдин жеңиши болгон» (Вопросы ленинизма, стр. 49).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук боштондук мүнөзү да анын өзүнүн табиятынан, «империалисттик эзүүнүн кырдаалында» Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин улуттук кыймылы болгондугунан, өзүнүн натыйжасында россиялык империализмди начарлатуу, ичинен иритүү жана алсыратуу максатын көздөгөндүгүнөн келип чыгат.

Кээ бир манаптардын алигинтип хандыкка көтөрүлүп калуу фактысын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бул «саясий жактан уюшкан пролетариат» тараптан көтөрүлүшкө жетекчилик кылуу болбогондугу менен түшүндү рүлөт, анткени россиялык пролетариат ал кезде падышачылыкка каршы чечүүчү күрөшкө көтөрүлгөн массаларга жардам берүүгө али ачык чыга алган эмес.

Россиялык пролетариаттын революциячыл жогорулоосу мындан бир нече айдан кийин жеке бийлөөчүлүккө каршы колуна курал алып чыккан февраль – март күндөрүндө гана өзүнүн бийиктигине жеткен. Падышачылык Түркстандагы бирден бир революциячыл большевиктер партиясын терең подпольеге кетүүгө аргасыз кылгандыктан, ал партия көтөрүлүшкө жетекчилик кыла алган эмес. Мына ошентип, Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын эмгекчилер массаларынын көтөрүлүшү пролетариаттын жана большевиктер партиясынын жетекчилигисиз калган. Революциянын жүрүшүн жана аякташын мына ушул жагдай алдын ала чечип койгон. Бирдиктүү пролетардык жетекчиликтен ажыраган, улам бир жердеги чыгуулар мүнөзүндө болгон колониялык көз карандылыктагы Орто Азия элдеринин баатырдык көтөрүлүшү басылып ташталган.

Владимир Ильич Ленин 1916-жылдагы Ирланд көтөрүлүшү жөнүндө минтип жазган: «Ирланддардын бактысыздыгы көтөрүлүшкө өз убагында эмес, пролетариаттын Европада болор көтөрүлүшү али жетиле элек кезде чыгышкандыгында турат» (Ленин, XIX, 197-б.). Владимир Ильичтин бул сөздөрүн Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө толук жана бүт бойдон колдонсо болот.

Биздин бактысыздыгыбыз ал кезде орус пролетариаты падышага, россиялык империализмге каршы чечкиндүү күрөшкө ачык чыга албагандыгында жана Орто Азиянын көтөрүлүшкө чыккан элдерине реалдуу жардам бере албагандыгы болгон.

Падышалык өкмөт көтөрүлгөндөргө каршы ошол кездеги эң жаңы техника менен куралдандырылган зор армияны аракетке келтирген, а көтөрүлгөн массалар учуна темир кыма капталган найзалар жана бурама байланган салмоорлор же жөн эле таяктар, эски түтөтмөлөр менен куралданышкан эле. Падышалык генералдар бул массага көп сандаган куралдуу күчтөрдү каршы коюшкан, алардын бир бөлүгү империалисттик согуштун майдандарынан алып келинген.

Жети-Суу областынын согуш губернатору Фольбаумга генерал Куропаткиндин жиберген телеграммасынан көтөрүлгөн массага каршы бир гана Жети-Сууда орус казактарынын эки полку, бир атчандар батареясы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек, 17 пулемет каршы аракеттенгендиги көрүнүп турат. Күч тең эмес болгондугун бул жерде далилдеп отуруунун кажети жок. Бир тарапта согуш өнөрүнүн бардык эрежелерине ылайык үйрөтүлгөн, борборлоштурулган башкаруусу, замбиректери жана пулеметтору бар, экинчи тарапта – союл, чокморлор менен куралданган, башкарган жетекчилиги жок массалар турган.

Көтөрүлгөн массалардан Куропаткин жетишерлик чоң коркунучту көргөн, ошондуктан ал өзүнүн замбиректери жана пулеметтору бар солдаттарына гана эмес, ошондой эле Орто Азияны биринчи жолу басып алгандардын да «тажрыйбасына» таянууну зарыл деп тапкан. Ошол эле Фольбаумга жиберген телеграммаларында ал: Фольбаумга караганда каруу-күчү аз полковник Колпаковский мындан 52 жыл мурда Верныйга (Алма-Атага) таандай каптап чабуул коюп келе жаткан колду тайманбай утурлай чыгып, ал колдорду Кастек ашуусунда баш көтөргүс кылып талкалагандыгын, генералдар Черняев, Романовский, Кауфман жана Скобелев Сыр дарыя, Самаркан жана Фергана областтарын көп каруу-күчсүз басып алышкандыгын айткан жана Фольбаумга алардан өрнөк алууну сунуш кылган.

Бул аскерлердин көп бөлүгү көтөрүлгөн кыргыздарга каршы жиберилген, анткени көтөрүлүш Түркстандын эч бир жеринде Ысык-Көл, Нарын аймактарындагыдай жана Чүй өрөөнүндөгүдөй айыгыша жүргөн эмес.

Кыргыздардын эки уезди үчүн Куропаткиндин таш боордуктун бөтөнчө чарасын көрүүнү – кыргыздарды акырк ы бир таман жеринен кол жуудурууну чечиши көтөрү лүштүн мына ушул мүнөзү менен түшүндүрүлөт.

Ушул жерде бир цитата келтире кетели, анткени ал кыр гыз аймактарында көтөрүлүш кандай кулач жайгандыгын түшүнүү маанисинде гана эмес, ошондой эле падышалык генералдар кыргыздардын акыркы калган жерлерин тартып алып, алардын ачарчылыктан тукум курут болушуна кантип жетишмекчи болгондугун да түшүнүү үчүн кыйла кызык мисал болуп сан алат.

«Көтөрүлүштүн жол башчыларын, – деп жазат Куропаткин, – терип кыруу зарыл, ага катышкан массаны кечирип коюуга да болот (боорукердик кылганын карасаңыз?! – Ж. А.). Мен Падышага да ушул мааниде айтамын, бирок козголоңчулар орустардын канын көп төккөн Пишпек уездинин Загорский бөлүгүндөгү бардык волосттогулар жазаланат, анан Көл кылаасы жана Кебен (Кемин) өрөөнүнүн жерлери кыргыздардан Түбөлүккө тартып алынат, ал жерлердеги кыргыздар Нарын аймагындагы тоолорго сүрүлүп чыгарылат, козголоңчуларды минтип катуу жазалоо – аларды жерден кол жуудуруу кыргыздардан татыктуу өч алуу болуп саналат» (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам).

Куропаткинге өзүнүн пикирин билдиргенинде Фольбаум да дал ушундай көз карашта болгон. Ал «талаа кыргыздарын жеңил-желпирээк жазаласак болот, бирок пишпектик жана пржевальскилик кара кыргыздарды Токмок (Чүй) өрөөнүнөн, Кебен өрөөнүнөн жана Көл калаасынан таптакыр айдап чыгуу керек» (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам), – деп жазган.

Кыргыз аймактарында аракет кылган жазалоочу отряддар бул көрсөтмөлөргө ылайык, туткундар менен баш оорутуп отурган эмес. Отряддар туткунга түшкөн кыргыздарды бала-чакалары менен чогуу атып таштаган.

Ушул эле дейсизби? Караколдо, Түптө жана Теплоключенкада көтөрүлүшкө катышпаган кыргыздар, уйгурлар атып ташталган, а уйгурлар тескерисинче көтөрү лүштү басып таштоого жардам беришкен.

Фольбаум менен Куропаткин кыргыз калкынын тукумун курут кылуу үчүн стратегиялык план иштеп чыгышкан, ал планга ылайык үрккөн адамдар качып кетиши мүмкүн тоо өткөөлдөрүн жана ашууларын тосуп таштоо алдын ала каралган. Жазалоочу отряддар Ысык-Көл ойдуңунда, Чүй жеринде, Жумгалда, Нарында, Көкартта, Каркырада кыргыздарды кекиликтей кууп жүрүп атышкан.

Алар 1916-жылдагы көтөрүлүштү басып таштоого, көтөрүлгөн калкты талкалоого жетишкен. Кыргыздар Түп, Сырт ж. д. у. с. жерлерде өзүлөрүнүн мал-мүлкүнүн теңинен көбүн калтырып, Кытайга үркүп кетишкен. Кытайга үркүп кетүүнүн, жазалоочу отряддардын аракеттеринин натыйжасында болжол менен 150 миңге жакын адам чыгым болгон.

Кош, Кытайга үркүп баргандардын абалы кандай болду? Бул жөнүндө көп айтып отуруунун кажети жок. Чек арада кытай-калмактар ок атып тосуп алып, кыргыздарды талап-тоной башташкан жана алар бул жерде да акыркы малынан ажырап, нан-тузсуз калууга аргасыз болушкан. Ачкадан өлө башташкан. Муну менен бирге үркүп баргандардын арасында келте башталган. Ошентип, кыргыздардын көпчүлүгү аялдарын жана кыздарын сатып күн көргүдөй абалда калган. Түркстандагы падышалык администраторлор буга карабастан дыйканчылык министерствосунун уруксаты боюнча кыргыз жерлерин орус келгиндерине берип, кыргыздарды бир таман жерсиз калтыруу боюнча өзүлөрүнүн долбоорлорун жүзөгө ашыра беришкен.

Аларга мурда келген орус поселокторундагылар жардам беришкен, алар кыргыздар Кытайга кетишкенден кийин кыргыз калкынын жерлерин басып алышып, өз бет алдынча поселоктор курушкан.

Үрккөндөр Кытайдан кайтып келе баштаган Февраль революциясынан кийин алардын жери да, баш пааналай турган жайы да жок болуп чыккан. Алар топ-тобу менен бир өзүм нан үчүн, бир ашмүшкө чай үчүн, ал эми кээ бир жерлерде кара курсагын кампайтыш үчүн гана орус кулактарынын, татар көпөстөрүнүн кол алдында ишт ешкен.

1916-жылдагы көтөрүлүштөн материалдык жактан бир аз зыян тартып калган орус кулактары отряддар курап, ал отряддар айылдарды кыдырып, кыргыздарды өлтүргөн.

Көтөрүлүш өтө күчтүү жүргөн Каракол уездинде кыргыз дардын улуттук кийим кийиши кыргыздар үчүн улуттук маскаралык, улуттук душманы болуп калган. Караколдун көчөлөрүндө кыргыз тебетейин, кыргыз чапанын кийип жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Базарга келген кулактар кыргыздарды өз билгендеринче жазалап, ташка алып сабаган, кордошкон, бийликтин өкүлдөрү – полицейскийлер – тартиптин «сакчылары» – кулактар, колонизаторлор карып кыргыздарды кантип сазайын берип жатышкандыгын мурутун чыйратып карап турушкан.

Февраль революциясы жана кыргыздардын абалы

Февраль революциясы жана анын натыйжасында падышанын тактан кулашы үрккөн кыргыздардын арасында жаңы өкмөт кулактардын зордук-зомбулугунан коргоп калат, жерибизди кайтарып алышыбызга жана чарбачылыгыбызды жайгаштырышыбызга жардам берет деген сыяктуу үмүт менен Кыргызстанга кайтып келүү ниетин күчөткөн. Бирок алардын бул үмүттөрү акталган эмес.

Убактылуу өкмөт буржуазиянын жана помещиктердин өкмөтү болгондуктан, анын органдарынын аракеттерин падышалык бийликтин органдарынын аракеттеринен айырмалоого мүмкүн болгон эмес. Убактылуу өкмөт тараптан үрккөн кыргыздарга жер-суусун кайтарып берүү жана материалдык жардам көрсөтүү жагынан реалдуу эч кандай кол кабыш болгон эмес. Тескерисинче, Убактылуу өкмөттүн убагында мындай да окуялар болгон. Каракол уездинде Ибрагимов деген бир татар көпөсү өзүнүн унаа жылкысы жок сыяктанып он чакты кыргызды кырман ташка чегип, 1916-жылдагы көтөрүлүш убагында кыргыздар өзүлөрү жыйнап алууга үлгүрбөй калган буудайды, арпаны ошол батырактардын күчү менен бастырып, кампасына куюп алган.

Ошол эле көпөс Жети-Өгүз капчыгайында жапайы карагат өскөн жерди өзүнө менчиктеп ээлеп алып, кыргыздарды ошол карагаттарды терүүгө мажбурлап турган, анан эринбашы карайып калгандарын көрүп калса: «Сен карагатты жеп койдуң» – деп, ал адамдын тилин сундуруп алып, тикенек менен сайдырчу экен. Мына ушунун баары Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн көз алдында болуп келген.

Пржевальск уездинин уезддик комиссары, падышачылык доорундагы келгиндер башкармасынын мурдагы начальниги кыргыздардын жашоосу жана мал-мүлкү үчүн коопсузураак болот демиш болуп, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында жашаган кыргыз калкынын Көлдүн батыш жагына көчүп барышына аракеттенген, ал чынында орус кулактарынын поселоктору аркылуу үркүндөн кайткан кыргыздар өтүп баратышканда алардын калган мал-тегесин жана мүлкүн орус кулактарына талатып калууну көздөгөн. Ал, албетте, бул оюна жеткен.

Балким, бул Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү өкүлдөрүнүн «чыгармачылыгы» болуп жүрбөсүн? Мүмкүн. Убактылуу өкмөттүн крайлык жана областтык органдары кыргыздарды жайгаштыруу, аларга жардам берүү маселелеринин үстүндө иштегендир? Жок, алар өзүлөрүнүн жергиликтүү өкүлдөрүнөн айырмаланышкан эмес, үркүндөн кайткандарды жайгаштыруу маселелеринин үстүндө иштеген эмес жана иштегилери да келген эмес. Биздин эски таанышыбыз О. А. Шкапский жана кесиби инженер казак Тынышбаев Убактылуу өкмөттүн Жети-Суу областындагы комиссарлары болуп дайындалган. Ошентип алар Алматыга бара жатышкан жолунда, Фрунзеде үркүндөн кайткан кыргыздардын өкүлдөрү аларды тосуп алып, өзүлөрүнүн оор абалын, үркүндөн кайткандарды кулактар топ-тобу менен өлтүрүшкөнүн, үркүндөн кайткандар ачкалыктан кантип өлүп жатканын айтып, анан, албетте, кулактардын зордук-зомбулугунан коргоону, материалдык жактан жардам берүүнү суранышкан. Ошондо Тынышбаев менен Шкапский эмне чара көрүштү экен дебейсиздерби. Тынышбаев алардын арыз-арманын уккан соң «мунуңар түккө турбаган иш, азыр бул жөнүндө эмес, учредителдик чогулуш туурасында ойлонуу керек. Ага биринчи кандидат, албетте, менмин, экинчи кандидат болсо – Жайнаков, а калган иштер жөнүндө Алматыга барганда ойлонуп көрөбүз» дегенден башка сөз айтпаптыр.

Үркүндөн кайткандардын өкүлдөрү эртеси күнү өзү лөрүнүн арыз-муңун кайталап айтышканында ошол эле Тынышбаев: «Силерди көтөрүлүш чыгарууга мен мажбур кылган эмесмин жана муну иштөө азыр менин ишим эмес», – деп коюптур. Ишенген кожом сен болсоң… деген ушул да.

Февраль революциясы жана ал жараткан «демократиялык» өкмөт Кытайдан кайтып келген кыргыздардын андан күткөн үмүттөрүн актаган эмес. Кытайдан кайтып келген кыргыздарга жардам берүү ишин жүргүзгөн бирден бир орган областтык Кыргыз Аткаруу Комитети болгондугун айта кетүү керек, бирок анын жардамы кыргыз эмгекчилер массаларына жеткен эмес. Бул комитет менен жардамга чындап муктаж болуп турган, ачарчылыктан өлүп жаткан үркүнчүлөрдүн ортосунда арачылык, таратып берүүчү инстанция болгон. Ага кыргыз манаптары башчылык кылган, бул манаптар үркүнчүлөр үчүн берилгендин баарын өзүлөрү алып калышкан. Кыскасы, Убактылуу өкмөт кыргыздардын абалын кенедей да жакшырткан эмес. «Демократиялык өкмөт» кыргыздарды кулактардын зордук-зомбулугунан жана ачкалыктан өлүүдөн сактап калуудан, падышалык өкмөт жана колонизатор кулактар тартып алган жерлерин аларга кайтарып берүүдөн «демократиячылдык» кылбай баш тарткан.

Мында түшүнүксүз эч нерсе жок. Анткени февраль революциясынан кийин Орто Азияда болгон бардык өзгөрүш чынында бийлик органдарынын падышанын жана анын койгон адамдарынын колунан Орто Азияны өзүбүздүн колониябыз, сырье алуучу эң бай булагыбыз деп мурдагыдай эсептеп турган россиялык империа листтик буржуазиянын өкүлдөрүнүн колуна өтүшү эле болгон.

Меньшевиктердин жана эсерлердин таасири астында турган, падышачылыктын колониячылдык саясаты бузуп койгон жумушчу массаларынын кыйла бөлүгү (темир жолчулар, Фергананын өнөр жайлуу пункттарынын жумушчулары ж. б.) дээрлик октябрь күндөрүнө чейин жергиликтүү калктан пролетар жана жарым пролетар катмарларынын уюштуруучусу катары чыга алган эмес. Февраль революциясынан кийин уюшкан солдат, жумушчу жана солдат депутаттарынын Советтери шаарларда гана топтолуп, өзүнүн иш-аракеттеринде негизинен гарнизондордун жана шаарлардын орус калкын гана камтыган.

Мына ошондуктан айылдардагы жана кыштактардагы эмгекчилер массалары өзүлөрүнүн жергиликтүү байларынын, манаптарынын жана булардын кызыкчылыктарын билдирген жергиликтүү интеллигенциянын бийлигинде мурдагысындай эле кала берген. Саясий партиялардын жана топтордун шаарларда жүрүп жаткан күрөшүнүн маани-маңызы жергиликтүү эмгекчилер массалары үчүн таптакыр белгисиз бойдон кала берген. Муну мындай бир факт менен түшүндүрүүгө болот. Учредителдик чогулушка шайлоо убагында кыргыз «букараларынын» өкүлдөрү деп аталгандар казактардын контрреволюциячыл «Алаш-Ордо» партиясынын өкүлүнүн – Убактылуу өкмөттүн комиссары болуп турганында колонизатор кулактардын террорчуларынын жана арбайган ачарчылыктын колунан жүздөп өлүп жаткан, үркүндөн кайтып келген кыргыздарга жардам берүү маселелерин чечүүнүн үстүндө иштөөдөн кашая баш тартып койгон жана Октябрь революциясынан кийин контрреволюциячыл «Кокон автономиясын» түзүүнү жактагандардын «жол башчыларынын» биринен болуп калган Тынышбаевдин кандидатурасын колдошкон.

Жергиликтүү эмгекчилер массалары февралдан ок тябрга чейинки мезгилде таптык күч катары уюша алышпаган болсо, жергиликтүү буржуазия, феодал жана жарым феодал төбөлдөр жана Орто Азия элдеринин дин кызматкерлери жөнүндө минтип айтууга болбойт. Орто Азия элдеринин эксплуататор таптары, алардын ичинде кыргыз байлары жана манаптары да кулач жайып жаткан окуялардын маани-маңызын эң сонун түшүнүп, өзүлөрүнүн күчүн Октябрь революциясына жана Совет бийлигине каршы күрөшкө шашылыш мобилизациялай баштаган.

Октябрь революциясы жана кыргыздардын абалы

Октябрь революциясы Кыргызстандын түндүк аймактарында да жеңип чыккан, бирок бул кыйла кийинчерээк, болжол менен 1918-жылы март-апрель ченде болгон. Кыргызстандын түштүк аймактарында Совет бийлигин уюштурууну эксплуататор таптар басмачылардын контрреволюциячыл бандаларын түзүү менен каршы алышкан.

Октябрь революциясынан кийинки алгачкы мезгилде советтик органдарга орус калкынын оокаттуу кулак, колонизатор бөлүгүнүн өкүлдөрү кирип алгандыгын мындай коёлук, улуттук маселе жагынан Октябрь революциясы алдыга койгон милдеттерди түркстан большевиктеринин өзүлөрү так-таасын түшүнө алышкан эмес. Бул үчүн мындай бир фактыны көрсөтүү эле жетиштүү. Түркстан жергесинин Советтеринин крайлык 3-съездинде жолдош Таболин большевиктик фракциянын атынан мамлекеттик башкаруу органдарына жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн тартуу маселеси боюнча төмөнкүдөй декларацияны жарыялайт: «Азыркы учурда крайлык революциячыл бийликтин жогорку органдарына мусулмандарды тартуу орунсуз, анткени жергиликтүү калктын солдат, жумушчу жана дыйкан депутаттарынын Советинин бийлигине карата мамилеси толук белгисиз калып турат, экинчиден, жергиликтүү калктын арасында таптык пролетардык уюмдар жок, крайлык жогорку бийлик органдарында алардын өкүлдөрү болсо, фракция аны куттуктамак эле» (Е. Федоров. «Коммун. мысль»,1-к. 56-б.).

Бул декларация партиянын улут саясатынын лениндик багытын чагылдырмак түгүл, ага түздөн-түз карама-каршы экендиги жөнүндө ооз ачуунун да кереги жок. Ошондуктан ал кездеги Түркстан большевиктеринин мыкты өкүлдөрү топтолгон Ташкенде – Орто Азиянын мына ушул борборунда улуттук маселени чечүү жергиликтүү эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу жөнсүз деген жагдайда, башкача айтканд, ачык эле колонизатордук маанайда коюлган соң Жети-Суу жана Кыргызстандын түштүгү сыяктуу алыскы аймактарда кандай абалда тургандыгыбызды элестетүүгө болот. Мен жогоруда бул жерлердеги Совет бийлигинин органдарына алгачкы кездерде орус калкынын кулак-колонизатор бөлүгү кирип алгандыгын, ал кулактар улуттук маселени большевиктик негизде чечүү маанисинде алганда радикалдуу чараларды көрүү үчүн гана эмес, ошондой эле кыргыз элине каршы кулактардын зордук-зомбулугун токтотууга да жөндөмсүз болгондугун айтып өттүм, ал зордук-зомбулук Совет бийлигинин түзүлүшүнүн алгачкы мезгилинде да улана берген.

Советтик органдарга орус калкынын кулак-колонизатор бөлүгүнүн кирип алышынын натыйжасында бардык улуттардын эксплуататорлорун экспроприациялоого багытталышы контрибуция, конфискация, реквизиция деген ж. д. у. с. жаңы бийликтин актылары жергиликтүү калктын бүткүл массасына каршы багытталып калган, натыйжада, алар эксплуататор таптардын экономикалык күч-кубатын начарлатканга караганда жергиликтүү калктын эмгекчилеринин белгилүү бөлүгүнүн жакырданышына алып келген.

Убактылуу өкмөткө жана анын куйруктарына каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн партизандар отряддары (Мураевдин, Мамонтовдун жана башкалардын отряддары) өзүлөрүнүн соккусун бир эле убакта жергиликтүү тургундарга да каршы багыттап калган учурлар көп эле болгон. Мындай абал болжол менен Орто Азия Советтик Россиянын борбордук бөлүгү менен түздөн-түз байланыш түзгөнгө, башкача айтканда, Дутовдун Оренбургдагы козголоңу басып ташталганга чейин созулган.

Октябрь революциясынан кийинки алгачкы күндөрдө Түркстанда Совет бийлигинин саясатында жана иш-аракетинде кетирилген жаңылыштыктарды жана мүчүлүштүктөрдү улуттук буржуазия, феодал жана жарым феодал элементтердин кызматкерлери пайдаланып калышкан. Алар күчтөнүп бара жаткан пролетардык революциянын соккуларынан өзүлөрүнүн таптык кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын, массаларга «Түркстанды орустардан боштондукка чыгаруу үчүн» деген ураан таштап, Октябрь революциясына, Совет бийлигине каршы күрөшкө жергиликтүү эмгекчилер массаларын уюштуруу зарылдыгын эң сонун түшүнүшкөн. Ошентип, ал кезде бул ураандын астында жергиликтүү эксплуататор таптар өзүлөрүнүн таптык кызыкчылыктарын коргоо, падышачылыктын колониялык талап-тоноосу сайрандап турган күндөрдү али унута элек жергиликтүү эмгекчилер массаларын жеке өзүлөрү эзүү укугун алуу үчүн алардын күрөшү жашырылып тургандыгын али түшүнбөгөн дыйкан жана мал кармоочу массалардын бир бөлүгү жергиликтүү буржуазиянын, феодал жана жарым феодал төбөл дөрдүн, дин кызматкерлеринин таасирине берилип кеткен. «Кокон автономиясы» жергиликтүү эксплуататор таптардын мына ошол иш-аракетинин натыйжасы болгон. Бул «автономия» талкалангандан кийин Түркстанда басмачылардын контрреволюциячыл бандалары, Алаш-Ордочу бандаларынын уюму, Анненковдун армиясынын катарларында Совет бийлигине каршы Жети-Суу фронтунда салгылашкан Алаш-Ордочулардын ак гвардиячы полктору пайда боло баштаган, кыргыз байлары, манаптары катышкан Нарын көтөрүлүшү чыккан.

Түркстандагы улуттук саясат Оренбург козголоңу талкалангандан кийин, Москвадан ББАКтын Түркстан комиссиясы жиберилгенден кийин гана түп-тамырынан тарта өзгөрөт, муну менен бирге жергиликтүү эмгекчилер массаларынын позициясы басмачыларга, ак гвардиячыларга жана кулактардын контрреволюциячыл көтөрүл үштөрүнө каршы күрөштө Совет бийлигин колдоо жагына кескин өзгөрөт.

Мунун эсесине улуттар ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, үркүндөн кайтып келгендерге жардам берүү жана Совет бийлигинин органдарына жергиликтүү эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн тартуу жагында Түркстандагы Совет бийлигинин, андан кийин ББАКтын Түркстан комиссиясынын алгачкы кадамдарын Жети-Суулук кулактар Совет бийлигине каршы бир катар көтөрүлүш чыгаруу менен жооп кайтарышат.

Алардын ичинде Аксуу жана Каракол көтөрүлүштөрү жана Фурманов сүрөттөп жазган Алма-Ата козголоңу бар. 1920–21-жылдарда ББАКтын Түрккомиссиясы жана РКП БКнын Түркбюросу Кыргызстандын жана түштүк Казакстандын аймактарында жер-суу реформасын жүрг үзөт, мунун натыйжасында кыргыздардан падышачылыктын убагында, Убактылуу өкмөттүн тушунда кулактардын поселокторун куруу үчүн өз бет алдынча тартып алынган жерлер кыргыздарга кайтарылып берилген, сугат системаларынын өңүттүү жерлерин басып алган жана кыргыз калкы көчүп-конуучу жолдордун боюна жайгаштырылган поселоктор жок кылынган.

Партия жана Совет бийлиги мына ушул реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында гана колонизаторлордун, кулактардын каршылык көрсөтүүлөрүн талкалоого жетишкен.

1920–21-жылдардагы жер-суу реформасын жүргүзүүгө киришүүдөн мурда Түркстандын партиялык жана советтик органдарына РКП(б) БКнын Түркбюросунун жетекчилиги астында партиялык уюмдун катарларын жана советтик органдарды колонизатор кулак жана бай-манап элементтерден тазалоо, РСФСРдин борбордук бөлүгүнөн келген большевиктердин белгилүү кадрлары менен чыңдоо боюнча зор иш жасоого, жергиликтүү эмгекчилер массаларын «Кошчу» союздарына уюштуруу жана аларга таянып, басмачыларды негизинен жок кылуу боюнча чоң иш жүргүзүүгө туура келген.

Көрсөтүлгөн жер-суу реформасынын жана жерге орноштуруу иштеринин натыйжасында партия жана Совет бийлиги 1924-жылы эле мурдагы Каракол уездиндеги калктын 33,7%ин түзүп турган орус калкынын колунда айдоо жерлеринин 34,4%и (1920-жылдагы 83%тин ордуна) калышына жетишкен, мурдагы Пишпек уездинде 1926-жылы 40% орус калкынын пайдалануусунда уезддин айдоо жерлеринин 41,8%и (1916-жылдагы 57,3%тин ордуна) калган. Жерге орноштуруу ишинин андан ары жүргүзүлүшү кыргыз жана орус калктарынын ортосунда жерден пайдаланууну жөнгө салууда жетишилген ийгиликтерди дагы чоң даражада бекемдеген.

Мына ошентип, Совет бийлиги улуттар ортосундагы карама-каршылыктардын эң негизги маселесин – жер маселесин, падышачылыктын жарым кылымдан көбүрөөк мезгил бою үстөмдүк кылып турган кезинде болушунча чаташтырыла байланган түйүндү чечүүгө колонизатор кулактардын көрсөткөн каршылыгы менен көшөрө жүргүзүлгөн күрөштө жетишти.

Жер жана суу маселесин улуттар аралык планда чечип, бул маселени социалдык планда чечпегендигин, б.а. байларды жана манаптарды кол тийгизбестен калтыргандыгын бул реформанын кемчилдиги деп эсептөө керек, бирок бул кемчилдик орус келгиндеринин колонизатор кулак бөлүгүн кыргыз эмгекчилер массаларын өзүнүн негизги каражатынан – жерден, суудан ажыратуудан билинген зор жетишкендигинин маанисин эч кандай да ражада начарлата албайт; ал жетишкендик падыша чылыктын каргыш тийген мусарын – жерден жана суу дан пайдаланууда кыргыз жана орус калктарынын орто сундагы иш жүзүндөгү теңсиздикти бул реформанын жойгондугунан жана Кыргызстандын айыл чарбасынын өндүргүч күчтөрүнүн өсүшүнө жол тазалап бергендигинен да көрүнгөн.

Жер-суу маселесин социалдык, таптык планда чечүү кыргыз партиялык уюмунун жана Кыргызстан Совет өкмөтүнүн үлүшүнө тийген, алар бул маселени ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун астында 1927–28-жылдарда Кыргызстандын түштүк аймактарында жер-суу реформасын жүргүзүү түрүндө чечишкен жана жерге жайгаштырууну, жайыттарды бөлүштүрүүнү жүргүзүү түрүндө ушу кезде да иштеп жатышат.

Кыргыз эмгекчилер массаларынын феодал, жарым феодал, бай-манап катмарларына экономикалык көз карандылыктын таасиринен куткарып алуу ишинде негизги маселе болуп турган жер-суу жана жайыт маселесинин бир караганда ушунчалык кечигип чечилиши улуттук өзгөчөлүү бөтөнчөлүктөрдөн – улуттук пролетариаттын жоктугунан, айыл, кыштак эмгекчилер массаларынын пролетардык бөлүгүнүн маданий-саясий жактан, Кыргызстандын советтик жол менен өнүгүшүнүн артта калгандыгынан келип чыккан жана келип чыгып жатат.

Муну түшүнүү үчүн жолдош Молотовдун төмөнкү сөздөрүн эске салуубуз жана унутпообуз керек. «Баары бирдей кыштак жок. Социалдык, райондук-экономикалык, улуттук жактан ж. д. у. с. өтө көп өзгөчөлүктөрү бар кыштак бар. Орто Азиянын бир катар аймактарында жер-суу реформасы кечээ жакында эле, мындан эки гана жыл мурда жүргүзүлгөндүгүн эсибизге түшүрүүбүз керек, феодализмдин калдыктарын, патриархалдык-уруулук укладдын калдыктарын жок кылуу жагында биздин азыр да иштөөбүзгө туура келээрин түшүнүү үчүн ошол эле Орто Азияда жана Казакстанда ал калдыктар жоюлуудан али алда кайда алыс экендигин жана бул ары-бери эле бүтө калчу иш эмес экендигин айтуу керек. Бир катар райондор, бөтөнчө Советтик Чыгыш жагынан Советтерди жандандыруу жөнүндө эмес, Советтерди түзүү жөнүндө айтышыбызга туура келет».

Жолдош Молотовдун бул жоболору, Советтерди түзүүгө байланыштуу айткан пикирлери Кыргызстандын алыскы кээ бир райондору үчүн бүгүн да күчүн сактап турат. Биз мурдагы Каракол кантонунун сырттарында Советтерди мындан бир гана жыл мурда түзгөнүбүздү, түштүктөгү кээ бир аймактарга (Алай) жайлоо советтерин жөнөтүүнүн жардамы менен аларды советтештирүүгө гана жетише алгандыгыбызды, Ат-Башы, Кетмен-Төбө, Суусамыр, Кызыл-Жар сыяктуу аймактарда пролетариат диктатурасын орнотуу багытын кээ бир Советтердин таптык душмандардын кызыкчылыктарында бурмалоолоруна каршы күрөшүүбүзгө туура келип жаткандыгын эстеп көрү ңүздөрчү.

Жер-жерлерде большевиктик ячейкаларды, Советтерди түзбөй туруп, феодалдык, патриархалдык-уруулук мамилелерди талкалоодо бизди эмгекчилер массаларынын өзү колдобосо, жогортодон чыгарылган декрет менен гана биз феодализмдин калдыктарын, патриархалдык-уруулук укладдын калдыктарын жоё алат белек? Албетте, жок.

Түштүк аймактарында 1927–28-жылдарда жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын жыйынтыктарына кайра кайрылайын. Биз бул реформанын натыйжасында эмнелерге жетиштик? 3447 кожолуктун колунда эмгектик нормадан тышкары 20162 га айдоо жерин кармап турган 497 помещиктик, иштебей күн көрүп келген бай чарбаларды жок кылдык. 17277 га айдоо жерин тартып алдык. Бул жерлерге жана булардан башка ээси жок жана ээси өлүп калган чарбалардын, вакуфтун жерлерине, мамлекеттик фондудагы жана жаңыдан суу чыгарылган жерлерге жери аз жана жери жок 18 миң кедей кожолуктарды жайгаштырдык. Анын үстүнө бул реформада негизинен кыргыз помещиктик-феодалдык чарбалар жок кылынды. Ошентип, эгерде биз биринчи жер-суу реформасынын натыйжасында келгиндердин колонизатор кулактар бөлүгүнүн эксплуататордук мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө жетишкен болсок, экинчи жер-суу реформасынын натыйжасында биз кыргыз феодалдык-помещиктик чарбаларга кыйраткыч сокку урдук.

Падышачылыктын агрардык саясатынын натыйжасы Кыргызстанда жашаган элдердин эмгекчи массаларын бытыратуу, жер, суу, жайыт үчүн алардын өз ара күрөшүн чыгаруу болсо, партиянын жана совет бийлигинин агрардык саясатынын натыйжасы «Кыргызстандагы бардык улуттардын эмгекчи дыйкан массаларын байларга, манаптарга жана кулактарга каршы күрөшкө бириктирүү жана уюштуруу» болду.

Орто Азияны улуттук-мамлекеттик жактан бөлүү пар тиянын жана Совет мамлекетинин улуттук маселени че чүүдөгү ишинин кийинки этабы болду, бул бөлүүдөн кийин адегенде кыргыз Автономиялуу областы, андан соң ал Автономиялуу республика болуп түзүлдү. Улуттук советтик мамлекеттик бирдиктин мамлекеттик башкаруу органдарына батырактарды, кедейлерди жана орто чарба дыйкандардын мыкты өкүлдөрүн кеңири тартуу менен түзү лүшү Кыргызстандын эмгекчи массаларынын маданий жана чарбалык жактан эң тез өсүшүн камсыз кылды.

Республиканын чарбалык жана маданий жактан өсүшүн мүнөздөө үчүн цифралар келтире кетүүгө уруксат этиңиздер.

Айыл чарбасы. 1931-жылы план боюнча айдоо аянттары революцияга чейинки мезгилдеги 560,2 гектардын ордуна 1002,09 миң гектар, анын ичинде пахта аянты 27 миң гектардын ордуна 105,5 миң гектар болду. Малдын саны 4756000 баштын ордуна 6807482 башка жетти.

Республиканын айдоо аянттарынын жалпы санынын 396,5 миң гектары социалисттик секторго – колхоздорго жана совхоздорго, анын ичинде пахта эгилүүчү аянттарга 61,1 гектары туура келди. 360866 баш малы бар 17 мал өстүрүүчү совхоз жана коллективдештирилген дыйкан жана мал багуучу чарбалардын 52%и өз колдорунда республикадагы жалпы малдын 1569896 башын топтоп турду.

Дыйкан талаалары 8 МТСтин жана 51 миң соконун жардамы менен иштетилип жатат, бул айыл чарбасын социалисттик реконструкциялоого техникалык база түзүү ишиндеги алгачкы гана кадамдар болуп саналат.

Майда товардык, өндүрүмдүүлүгү аз, дээрлик жакыр жеке менчик дыйкан чарбасы коллективдешкен ири чарбага орун бошотуп берди, трактор жана соко буурусунду сүрүп чыгып жатат.

Жаңы жерлерге суу чыгаруунун жана эски ирригация системасын кайра куруунун эсебинен республиканын сугат аянттары революцияга чейинки мезгилдеги 426,3 миң гектардын ордуна 581,6 миң гектарга чейин кеңейди. Падыша өкмөтүнүн буйругу боюнча Васильев кыргыз эмгекчилер массаларын колониялык эзүү ишинде өзүнө таяныч пункт катары офицерлер шаарчасын курууну долбоорлогон жерге Кыргызстандын айыл чарбасын социалисттик реконструкциялоонун таяныч пункттарынын бири катары кендир жасалуучу өсүмдүк өстүрүүчү советтик жаңы чоң чарба – ЧУЛУБ совхозу чыкты.

Эгерде падышачылык колониялоо кызыкчылыктарында орун-очок алып калган кыргыз чарбаларын жарым кылым бою талкалап келген болсо, Совет бийлиги өз алдына 1933-жылы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды толук отурукташтырууну камсыз кылуу милдетин коюп отурат.

Өнөр жайы. Капиталисттер жырткычтык менен эксплуатациялап келген Кыргызстандын кустардык типтеги көмүр кендери Орто Азиянын социалисттик тоо-кен өнөр жайынын гиганты болуп калды. Кен казып алуу революцияга чейинки мезгилдеги 36 мнң тоннанын ордуна 1931-жылы план боюнча 1011 миң тонна болот.

Пахта тазалоочу, кант, булгаары заводдору, жибек түрүүчү фабрика, эт жана муздаткыч комбинат, сейрек учуроочу металлдар трестинин комбинаты – булар Кыргызстанды социалисттик индустриялаштыруу ишиндеги гана кадамдар болуп саналат.

Кыскасы, цензтик өнөр жайынын дүң продукциясы революцияга чейинки мезгилдеги 1,2 млн. сомдун ордуна 1931-жылы 59,2 млн. сомго жетет.

Эл агартуу. Эл агартуу комиссариатынын маалыматы боюнча республиканын калкынын сабаттуулугу революцияга чейинки мезгилдеги 4%тин ордуна 1931-жылы 35% болот. Быйыл бардык мектептердин жалпы саны революцияга чейинки кездеги 70 мектептин ордуна (аларда 3000 бала окуган) 942ге жетет жана аларда 98660 адам окуйт.

Эгерде революцияга чейинки мезгилде жогорку билимдүү бир да кыргыз жок болсо, үстүбүздөгү жылдан баштап Фрунзеде үч жогорку окуу жайы, мал чарба, кендир жасалуучу жаңы өсүмдүк жана педагогика окуу жайлары ачылат. Жалпыга бирдей башталгыч билим берүү азыркы күндүн милдети болуп калды.

Кыргыз эмгекчи массалары революцияга чейинки мезгилде ойлой да албаган жаңылыкты – өз эне тилинде чыккан адабияттарды жана газеталарды көрдү.

Саламаттык сактоо. Кыргыз айылындагы «бакшылар», «бүбүлөр» жана табыптар советтик врачка орун бошотуп беришти. Быйыл ооруканалардын саны революцияга чейинки мезгилдеги 6 (100 койкалык) бирдиктин ордуна 1269 койкалуу 37 бирдикке жетет.

Быйыл амбулаториялардын, врачтык пункттардын, санитардык башка мекемелердин саны революцияга чейинки мезгилдеги 21 бирдиктин ордуна 197 бирдикке жетет.

Үстүбүздөгү жылы балдар бакчалары, яслилери, аянтчалары 483 бирдикке жетет, булар революцияга чейинки мезгилде кыргыздар ойломок тургай, түшүнүгү да жок мекемелер болучу.

Кыдырып жүрүп тейлөөчү врачтык отряддар кыргыз көчмөндөрү врачтан коркот деген «учуртманы» таш-талкан кылды.

Транспорт жана байланыш. Совет бийлигинин убагында 207 км аралыкка темир жол салынды. Кыргыздар паровоздун үнүн тарыхта биринчи жолу Совет бийлигинин убагында гана угушту.

Почта-телеграф бирдиктеринин саны Октябрга чейинки мезгилдеги 26 бирдиктин ордуна 156 бирдикке жетти. Революцияга чейинки мезгилдегиге караганда телеграф линияларынын узундугу 1,4 эсе, телеграф өткөргүчтөрдүкү 2 эсе көбөйдү. Кыргыздын «узун кулагы» телеграфка жана радиого орун бошотуп берди.

Кыргызстандын чарбалык жана маданий курулушуна Кыргыз АССРинин бюджетинен 1925-жылдан 1931-жылга чейин гана берилген салым 76 985 000 сом болду, буга РСФСРдин союздук бюджетинин жана башка булактардын эсебинен берилген салымдар кирбейт. Бул салымдар 1931жылы гана 162 588 000 сом суммасында болот.

Чарбалык-маданий зор жетишкендиктердин, көчмөн аймактарды советтештирүүнүн, социализмдин жемиштүү өсүшүнүн негизинде, партиянын лениндик улут саясатын жүзөгө туура ашыруунун натыйжасында биз мындан 15 жыл мурда оорук жумуштарына баргысы келбей, падышачылыкка каршы көтөрүлүш чыгарган кыргыз эмгекчи массаларынын тилегенине жеттик, быйыл Кыргызстандын эмгекчи массаларынын эркин билдирүүчүсүнүн – Советтердин 3-съездинин чечими боюнча Октябрдын жеңип бергендерин колуна курал алып коргоо үчүн орус, украин жана татар дыйкандары менен катар кыргыз дыйкандары да Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын катарында кызмат өтөөгө чакырылат.

Советтер Союзунун жумушчу табы бул күндөрдө иштеп жаткан нерселер – өлкөнү индустриялаштыруу, айыл чарбасын коллективдештирүү, туташ коллективдештирүүнүн негизинде кулактарды тап катары жоюу кыргыз эмгекчи массаларынын жанындай көргөн иши болуп калды.

Өзүнүн улуу жолдошторунан өрнөк алып, Лениндик партия белгилеген жол менен жүрө отуруп, анан чарбалык жана маданий курулуш жагында, Кыргызстанда индустриялаштырууда, айыл чарбасын реконструкциялоодо жана коллективдештирүүдө жетишилген ийгиликтердин негизинде кыргыз эмгекчи массалары бир катар райондордо бул күндөрдө туташ коллективдештирүүнүн негизинде кулактарды жоюу маселесин коюп жатат.

Жумушчу табынын бардык майдан боюнча социалисттик чабуулга өтүшү, эл аралык фактор катары Советтер Союзунун күчөп жаткан күч-кубаты, Советтер Союзунун тышкы жана ички душмандарынын кутургандай жек көрүүсүн, жеңип жаткан социализмге каршы алардын күрөшүн пайда кылып жатат. Эки системанын – чирип бара жаткан капитализм менен жеңип жаткан социализмдин күрөшүндө биз жеңип чыгабыз.

Мунун кепили Советтер өлкөсүндөгү социалисттик курулушка ВКП(б) БКнын лениндик жетекчилик кылышы, социализмди куруунун беш жылдык планынын программасын биздин өлкөбүздүн жумушчу табынын ийгиликтүү аткарышы, негизги массанын, дыйкандардын социализмге бурулушу, Советтер Союзунун өсүп жаткан коргонуу күч-кубаты болуп саналат.

15 жыл мурда Орто Азиянын эзилген элдери падышачылыктын империалисттик эзүүсүнө каршы көтөрүлүш чыгарган болучу, бирок алар жеңилип калышкан эле, анткен менен улуттук боштондук согушуна Россиянын пролетариаты тарабынан жетекчилик кылынмайынча падышачылыкты, империалисттик орус буржуазиясын жеңе албай тургандыктары жөнүндө сабак алышкан. 1916-жылдагы көтөрүлүш жүзөгө ашыра албаган нерсени – падышачылык, буржуазия тарабынан эзилген Орто Азия элдеринин улуттук боштондугун 1917-жылдын Октябрындагы пролетардык жеңиштүү революция берди. Революциячыл Геркулес – Россиянын жумушчу табы 1917-жылы «элдердин түрмөсү» болуп турган Россияны талкалап, эски Россиянын чалдыбарларына Советтик Социалисттик Республикалар Союзун – дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн эзилген массаларынын социалисттик ата мекенин түздү. «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» деген китепченин (Кыргызмамбас, 1932) тексти боюнча басылды.

Жолдош Меницкийдин макаласы жөнүндө

– Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы – 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905-жылдагы революциянын көз карашынан карагандыгы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык анык багыт жок болучу. Орус дыйканы ошол кездеги кырдаалдан улам «чынында колонизатордун» ролун ойноп, көтөрүлүшкө чыккандардын союздашы боло алган эмес. Жолдош Меницкий ырастасын-ырастабасын, ал көтөрүлүштө сепиратчылдык умтулуулар болгон.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн айкындоонун тарыхый мааниси бар.

1916-жылдагы көтөрүлүш революциячыл акт болгондугу талашсыз. Азыр маселе мында эмес, ошо көтөрүлүштү чыгарган себептердин таптык жана улуттук табиятын аныктоодо турат.

1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык күрөштүн кээ бир, анын үстүнө өтө маанилүү элементтери бар дегенге баарыбыз макулбуз. Көтөрүлүш «төмөнкүлөрдүн» кысымы астында, жергиликтүү эзүүчү төбөлдөрдүн кээ бир бөлүгүнүн жан тартышы жана айрым бөлүгүнүн каршылык көрсөтүшү менен башталган дегенге да макулбуз. Бирок бул көтөрүлүш толук жана бүт бойдон таптык мүнөздө болуп, анда улуттук жагдайларга жол берилген эмес дегендикке жатпайт. И. Меницкий улуттук жагдайларга жол берилген эмес деп ойлойт. Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы эмнеде? Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы бул: ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905–06-жылдардагы революциянын көз карашынан карап, мында бир «майда-барат» нерсени – 1905–06-жылдардагы революцияда дыйкандар эмес, жумушчу табы жетектөөчү күч болгондугун көз жаздымында калтырып коёт. Орто Азиядагы 1916-жыл жөнүндө мындай пикир айтууга мүмкүн эмес. Жолдош Меницкий мындан башка да бир жагдайды – 1905–06-жылдардагы революцияда аракет кылган күч орус дыйкандарынан тышкары поляк дыйкандары да болгондугун, анан бул көтөрүлүштүн таптык мүнөзү дал ушунда тургандыгын унутуп коёт. 1916-жылы аракет кылган күч жергиликтүү гана калк болгон, бул калк орус дыйкандарын мындай коёлу, ал түгүл ошол кезде Түрк  станда жашап турган бирин-экин жумушчулардан да колдоо алышкан эмес. Ырасын айтканда, орус дыйканы тараптан мындай колдоо болушу да мүмкүн эмес эле, анткени падышанын колонизатордук саясатынан улам анын кызыкчылыктары жергиликтүү калктын кызыкчылыктарына кайчы келип турган. 1916-жылдагы көтөрү лүш нукура таптык көтөрүлүш болгондо, ошол  кезде Түркстанда жашап жаткан алдыңкы жумушчулар өзү лөрүнүн саясий аң-сезим жагынан артта калгандыгына карабастан, көтөрүлүштү колдоп чыгышмак болучу. Түркстандын жергиликтүү калкынын көтөрүлүшкө өзүнчө чыгышы жана ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүл үштүн улуттук мүнөз алып калышы анын нукура таптык эмес мүнөздө болушу менен түшүндүрүлөт.

1916-жылдагы көтөрүлүш жергиликтүү буржуазиянын да, ошондой эле кайсы улуттан экендигине карабастан, башка бардык эксплуататорлордун да адам чыдагыс эзүүсүнө каршы нааразылык билдирген эзилген таптардын гана чыгышы болгон деп ырастоо – 1916-жылдын тарыхый жүзүн будамайлоо, чындыкты бурмалоо, социалдык жана улуттук айрым топтордун өз ара мамилелерин түшүнбөө дегендик.

Жергиликтүү калктын ичиндеги дифференциялануу жагында маселе жолдош Меницкийге көрүнгөндөй абалда болсо, анда биз Улуу Октябрь революциясынын 9-жылында жергиликтүү калктын эмгекчи катмарларын жергиликтүү чөйрөдөгү патриархалдык-феодалдык жана эксплуататор төбөлдөрдүн таасиринен куткарып алуу зарылдыгы жөнүндө ооз ачпайт элек да.

Түркстандын жергиликтүү калкы өнүгүүнүн кандай баскычында тургандыгы менен эсептешер болсок, анда бул кокустук эмес, мыйзамченемдүүлүк. Айтсак, алардын кээ бирлери (кыргыздар жана түркмөндөр) уруулукпатриархалдык мамилелерден феодализмге, башкалары (өзбектер) феодалдык мамилелерден соода капитализмине өтө баштаган.

Кийинки учурда жана ушундан улам ал кезде азыркы Өзбекстандын кыйла райондорунда феодалдык мамилелер али сакталып турган, анан эксплуататор төбөлдөр катары феодал төбөлдөрдүн жүзү ачылбай калган (бул материал «Коммунистическая мысль» журналынын (1926. № 1–2) тексти боюнча которулуп басылды).

Көтөрүлгөндөр жергиликтүү калктан чыккан кызмат адамдарына жана оокаттуу адамдарга каршы кээ бир жерлерде репрессиялык чараларды көргөн деген негизде өзүнүн «таптык күрөш» теориясын чыгарууга, башкача айтканда, жолдош Меницкийдикиндей көз карашта турууга таптакыр болбойт.

«Түркстандын дыйкандары жана көчмөндөрү жетилип келе жаткан революцияда жеңип чыккан орус дыйканы гана келгиндер башкармасынын колонизатордук жырткыч саясатын тыйпыл кыларын эң сонун түшүн үшкөн». Жолдош Меницкий үзүл-кесил ушундайча ырастайт, бирок чындык мындай эмес. Колониялык көз каранды өлкөдөгү орус дыйканынын ролунан эч нерсе түшүнбөгөн адам гана ушинтип жазат. Анткени Түркстанды колониялоо негизинен агрардык багытта жүргөндүгү, анан бул жагдай орус дыйканын аргасыздан «чыныгы колонизатор» – жергиликтүү калктын жер-суусун тартып алган баскынчы кылып койгондугу белгилүү. Ошондуктан жергиликтүү дыйкандар жана көчмөндөр үчүн орус дыйканынын өзү падышачылыктын колонизатордук саясатын «тыйпыл кылуучу» күч эмес, жырткыч колонизатор болгон. Ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштөн ошол кездеги түзүлүшкө караганда орус дыйканы көп жабыр тарткан.

Жолдош Меницкийдин башка да бир жобосу жайында эмес. Ал – «ата мекендик», башкача айтканда, орус капиталы менен жергиликтүү капиталын жана жергиликтүү калктын эксплуататор төбөлдөрүнүн өз ара мамилелери, туурараагы, байланыштары туурасындагы маселе. Жолдош Меницкийдин пикирине караганда мындай болуп чыгат: жергиликтүү капитал ата мекендик капитал менен конкуренциялашууга жарай алаар бөтөнчө күч болгон эмес, ал ата мекендик капиталга кызмат кылып турган, ошондуктан аларда сепиратчылдык умтулуулар болбоптур, алар падышалык бийликти кулатуу, Түркстанды Россиядан бөлүп алуу жөнүндө, албетте, ойлошкон да эмес экен».

Ата мекендик капиталдын күчү жөнүндө талашпайлык, бирок сепаратчылдык умтулуулар болбогондугу жөнүндө келгенде алаш-ордочулардын жана «Шура-Исламиянын» 1917-жылдагы иштери жөнүндө, булар жергиликтүү эксплуататор төбөлдөрдүн жана динчилдердин «партиялары» болгондугун, алар Россияга көз карандысыз, панисламдык бирдиктүү мамлекет түзүү идеясын үгүттөшкөндүгүн эсиңиздерге сала кетели.

Эмне, бул сепаратчылдык эмеспи? («Правда Востока» 12/VШ. N№ 183.)

Орусчадан которгон Советбек МАКЕНОВ

            М.ӨМҮРАЛЫ УУЛУ

КОЧКОРДОГУ 1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ

1913–14-жылдарда Кочкор айлында аба шартында башка жерге буудай бышпай, Сөөк-Карабулуң ортосунда буудай айдалчу боз талаа бар эле. Ошерге орустун байлары келип кыштак салып, пайдаланат деп 500 гектар жерди запаска кестирип коюп, ал жерге мурун пайдаланып жүргөн элди мал-жаны менен жолобосун деп катуу тыюу салып, эгер малы кирип кетсе кармап айып салчу. Жергиликтүү эл жалаң арпа токоч жеп, арпа жарма ичип, кесме жасоого буудай ун издеп, ат менен Шамшы белин ашып, Токмокко чубап, буудай ун сатып алып, аябай азапты тартып, падыша өкмөтүнө көпчүлүк эл абдан нааразы болгон.

1916-жыл, июль айы. Падыша өкмөтү биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө дуушар болуп, кыргыздан солдат алмакчы болгондо аскерге жергиликтүү бай-манап, болуш, бийлер өз балдарын алып калып, кедей-дыйкандардын балдарын жибермекчи болгон. Алар солдатка баруудан баш тартып, эл көтөрүлүш жасашты.

Себеби Убуке уулу Канат болуш падышанын буйругу боюнча Пишпек уездинин жашыруун кеңешмесине барып келип, солдатка алынуучулардын тизмесин старшинадагы кароо китепчелерден алат. Китепчеден тизмени көчүрүп жатканда бул жашыруун сыр элге угулуп кетип, тизмеге кирген 300 чамалуу жаш жигиттер чогулуп, элден бөлүнүп, жайлоо жакта жүргөн жарактуу ат-айгырды кармап минип алышып, Үчкуулуктун чатындагы кыштоо чабындыга чогулушуп: «Канат болуш бизди солдатка бермек болуптур. Биз барбайбыз», – деп короодон койлорду өңөрүп кетип, көрүшөбүз деп жатып алышат.

Канат болуш солдат бербейин десе, падышадан коркот. Берейин десе, көтөрүлүш кылган элден коркуп айласы кетип, өзү динчил адам болгон үчүн: «Ойлонуп шарият жолун издегиле, шарият кайсыны кааласа ошону кылалы», – деп Кочкордогу чоң динчил молдолорду бүт жыйнап, айылдан обочо барып, чоң ак үйдү тиктирип, бир семиз тайды сойдуруп, кымызды чанач-чанач керегенин көзүнө байлатып: «Китептериңерди ачып карап, эмине кылыш керек, беш күн сүрүктө тапкыла», – деп молдолорго буйрук кылат.

Молдолор беш күн китептерин аңтарып жыйынтыгын чыгарып, Канат болушка жооп берди. «Орус падышасы Николай капыр, мусулман балдарын солдатка аламын деп зордук кылса бербей «нээти казат» уруш жасоо керек. Ал урушта капырды өлтүрсө чоң сооп болуп, бейишке чыгат. Эгер капырдан өлсө шейит болуп бейишке чыгат. Эгер капырдан качса тозокко түшөт», – дешти.

Эмесе элге сүйлөшүп уруш чыгарыш үчүн Сараласаз, Акбел деген жерге бүтүн Абайылда, Темирболот деген эки болуш элди – эркек, аялды чогултуп митинг жасап, молдолордун чечени Аалыбай ажынын сөзүн угушту. Молдонун сөзүн уккан эл: «Балдарыбызды падышага солдатка бербейбиз. Бергенден көрө «Нээти казатка» урушка чыгабыз!» – деп кыйкырып макул болушту.

Аалыбай молдо: «Эмесе бир кишини кан көтөрүп шайлап, ошого баш ийиш керек. Кимди кан шайлайсыңар?» – деди.

Чогулуштун аркы катарынан узун бойлуу кара көрпө тебетейчен, кара күрөң кашкар чепкенчен, кара сакалчан манап Бектендин уулу Токтосун болуш Канат ажыны кан көтөрүшкө сунуш кылды. Элдин баары бир добуштан кубаттап, Канат ажыны кандыкка көтөрүштү.

Канатка чоң ак селде чалып, кызыл жибек кымкап кийгизип, чоң ак боз атты токуп, ошол жерден көтөрүп мингизишти.

Бул кандын айтканына баш ийип аткарбасак ушул ак боз бээдей мууздалалы деп орто жерге семиз бээни жетелеп барып, ант берип бата кылышты.

Ошентип Канат кан өз бийлигине киришмек болду.

Канат хандын ишке кириши

Жайдын күнү, 1916-жылдын июль айынын аягы эле, солдатка барбайбыз деп көтөрүлүш жасап, чатта чогулуп жаткан 300 атчан жигитти чакырып: «Силерди солдатка бербей, орус падышасына каршы уруш ачмак болдук. Эр болсоңор ошону менен урушуп көргүлө. Эми силер менин жоокеримсиңер. Кегети белин ашып барып, найза сапка жарай турган карагай, шыргый кыркып келгиле», – деп жиберди. Дагы жыйырма чактысын тоого арча кыркып, көмүр өчүрүп ташып бергиле деп жиберди. Эл бардык тапшырылган милдеттерди аткарып жатышты.

Бүтүн Абайылда элинде болгон темир усталарды жыйнап, Боктутөрдөгү Кошкөлдүн жанындагы Жантык конушка үйлөрдү тиктирип, чоң усталар: Түгөлдүн уулу Жунушалы, Нааматбек, Казыбай усталарды башчы кылып, калган усталарды көрүкчү, балкачы кылып, күндөптүндөп бөрү тил найза, шап, айбалта, кылыч, така ж. б. жабдыктарын жасата баштады.

Жыгач усталарды жана колу жөндөмдүү кары-картаңдарды жыйнап, шыргыйларды аачып, копшоп, кургатып, найзага, айбалтага саптап, найзаны карыга, үзөңгүгө иле турган кылып көзөтүп, бүлдүргө тактырып даярдык көрүлдү.

Орус падышачылыгы солдат алам деген бийлигине каршы көтөрүлүш жасап, аларга каршы уруш ачканы жатканын айтып, силер да кошулгула деп туш-тушка элчи жиберет.

Чүй багытына Бакалдын уулу Сооронбайды, жедигер Боронбай уулу Түмөнбайды, Кеминдеги Шабдандын балдарына, Тынайдан Дүр, Мамбетаалыны Чүйдүн солто элине жиберди.

Кочкор, Жумгал багытына Шамейдин уулу Борончу деген жигит кетти. Кочкорго Надырбек, азык Сарбайга, Жумгалдагы кургак Курманга, Көкүмбайга, кулжыгачка Мурат уулу, кулжыгачтагы Байзактын Мурзабегине, Эшимбектин Шераалысына, Түнкатардын Кудайбергенге элчи жиберди. Алардын жообун күтүп отурбай эле ишке кирише берди.

Канат хандын чабуулга аттанышы

Камылгасы бүткөндөн кийин төрдөн бөксөдөгү мелтиреген түз жайлоосу «Ийри-Суу» деген жерге көчүп келип конгон. Аскерин быкылдатып жыйнап, август айынын башында ишемби күнү иш башта дегендей, ишемби күнү саат 12 ченде аскерин бүтөп-тондоп алып, Шамшынын белин бет алып Чүйгө чубады.

Аскерлердин мингени семиз, тың ат-айгыр, ээр токумдары келишимдүү. Аттары такалуу. Алдында 25 киши мерген жарактары менен. Алды бардаңке, бинтон, кош ооз түтөтмө мылтык, калгандары бүт кылкылдата найза асынган. Ээрлеринин кашына бирден айбалта кыстарган. Бирок кийимдери алды чыт чапан, ак калпак, болбосо куур тон, кийиз калпак. Алган азык түлүгү: куржунда боорсок, калама, жупка нан; чаначка байланган сары май, курут, сүзмө, айран, кымыз, максым, жарма, башка эчтеке жок.

Канатта стратегиялык урушту так билген, саясый жетекчилик кылууга билимдүү киши болгон эмес. Ага кеңешчиси улутчул манаптар, капырды өлтүрүш керек деген молдолор болгон.

Канаттын Уфадан окуп келген Исак, Бишкектен гим назияны бүткөн Жапар, Садык деген балдары жана азыраак орусча тил билген иниси Байдалынын пикири: «Падышанын күчтүү курал-жарактары, уруш ишин окуп чыккан армиясы болот. Биз темир найза, начар мылтык, айбалта менен эч нерсе кыла албайбыз» деген сөздөрү динчил молдолорго ишенген Канаттын кулагына кирбей: «Жатыны жаман коркок чокундуктар», – деп кагып салган.

Динчил молдолордун айтканын кылып аскери менен Шамшынын белин ашып, Чүй ичине түшүп, көрүнгөн орусту кедей, байына карабай өлтүрө берип, орус кыштактарынан Кегети, Подгорный, Сынташ, Кеңбулуң, Биркулакты караткан учурда Канаттын Катакулуш чоң туусун көтөрүп алып жүргөн ишенимдүү кишиси Арстанбек Куртка уулунун жоон санына ок тийип жыгылып, шишип кетип, бир тууган иниси Өмүраалы Кочкорго атка өңөрүп келип, үркүндүн алдында өлдү.

Андан кийин көтөрүлүшчүлөр эски Токмокту каратып алып, анан чоң Токмокко барганда шаардыктардын коргонуу чыңдоолору бекем, көчөлөргө ат менен кире албас үчүн арабалар менен тосуп, жөө киргендерди терезеден аткылашып, эки жактан тең көп зыянга учурап, шаарды тегеректеп бир топ күнгө камап жатышкан.

Эки жакка жиберген кабарчылардан

Чүйгө Атаке, сарбагыштан Шабдан баатырдын балдары биз өзүбүзчө кан шайлап, өзүбүзчө урушабыз дептир.

Тынайлардан Дүр, Мамбетаалылар, солтодон Аксакбөрү Абайылда, Кеңбулуңдан топ аскерлер катышыптыр.

Кочкордон Надырбек Көбөгөн, азыр Сарыбай, Жумгалдан Курманкожо, Көкүмбай, Курман, кулжыгачтан Мурзабек, Шераалы барып катышабыз дептир.

Бул кабарды Борончу жазып жиберип, өзү КетменТөбөдөгү Кудайберген манапка кетип дайны жок.

Уруштун жүрүшү

Канаттын аскери чоң Токмокту он чакты күн камап алалбай жатып, жадаганда акылдашып туруп эски салт боюнча (ультиматум) кат жазып элчи жиберүүнү чечишет. Элчиге дин үгүтчүсү моңолдор уругунан Чынгышбай ажы менен Чечей Субан ажынын бирин жибермек болушат.

Катка: Канат хандын жарак-жабдык менен куралданган (40,000) кырк миң аскери бар, силерди тегеректеп курчоодо калдыңар, кан төгүшпөйлү, ыктыярыңар менен карап бергиле. Эгер карап бербесеңер катын-балаңар менен кырабыз деп жазып, ырастыгына болуш-бийлердин колун койдуруп, мөөрүн бастырып, узун таяктын башына кагазды кадап берет.

«Элчиликке мен барам» – деп Суван ажы макул болуп, ак селдечен, жээрде аты менен желдирип баратканын дүрбү менен карап көрүп турган үч солдат тийгизбей алыстата атып, коркпой келе жаткан кишини жакшы тосуп алып, кагазын окуп, чын кабарды билиш үчүн жандуу кишини колго түшүрө албай турган немелер абдан сүйүнүп ортого алып, бири жетелеп, андан ары алып кетишет. Токмокко алып барып кыйнап сурап Суван ажыдан чыны 40,000 эмес. 2–3 миң колу, 30–40 мылтыгы, калганы айбалта, найза, чокмор, уруш тактикасы жок аскери бар экенин билип алып, Суван ажыны шейит кылып ташташат.

Ошол убакта Токмоктогу орустар Алматыдагы жандралыга, Ташкендеги жарым падышага, кыргыздын көтөрүлүшүн телеграмма менен кабар кылган болот. Ал кабар боюнча Алматыдан 600 солдат, Ташкенден Анжиян аркылуу 1000 солдат жиберет. Ошол убакта Алматыдан чыккан армиянын Токмокко келип калган кези болот. Ал солдаттарга «кыргыздан чыккан көтөрүлүштү баскыла, эгер болбосо итинен өйдө аткыла» деген буйрук берилиптир.

Токмоктон ал солдаттар замбирек менен атышып чыкканда кыргыздар ээ бербей кача башташат. Канаттын бир тууган иниси Байдаалы 80 аскердин башчысы экен, алар жол билбей Кызылсуунун туюк төрүн өрдөй качып, артынан солдаттар кууп жетип, атып отуруп төрдүн башына туюкка барып камалганда бүт кырып салыптыр.

Калган элдин баары Шамшыны ашып качышат. Качып баратып, артынан ок тийип өлсө тозокко түшөт, качпай урушуп өлтүрсө чоң күнөөдөн ажырап, казы болот, урушуп жатып маңдайынан ок тийип өлсө түз шейит болуп бейишке чыгат деп кыйкырып жүргөн үгүтчүсү.

Чынгышбай ажы карагер аты менен ириде качып баратса селдеси артында чубалып, аттын куйругу менен аралаш артында, бир учун колуна кармап баратканда көргөндөр:

– Баягы качпа деген сөзүң кана? – деп суроо берсе:  «Анда жанды ала качмак парс. Айланайын ширин жан!» – деп атына камчы урат дейт.

Көтөрүлүшкө катышкан Чүй өрөөнүндөгү солто, тынай эли мал-жаны менен үркүп, Кочкорго Кубакыны ашып келишти. Бирок артынан кууп жеткен жазалоочу аскерлердин аткылоосу менен Күмүшайдын сайында көп киши курмандыкка учурады. Канат кан артынан жете келип аскерин кайта жыйноого киришти.

Элдин Кытайга качышы

Өзүбүзчө кан шайлап урушабыз деген Шабдан баатырдын балдары Кеминдеги бирин-серин орусту, соодагерлердин мал-мүлкүн талап алып, Алматыдан солдат келгенин, Канаттын аскеринин качканын угуп алып Кытайга качат.

Балыкчыга мылтык тартып бараткан бир араба мылтыкты колго түшүрүп алып кетишет. Кытайдан бир канча жылдан кийин жөө-жалаңдап келишет.

Ошол Кеминде Жайлообай деген партячейке дагы кошо качып баратып, Беделдин белин ашаарда күн жаап, туман болуп адашып, бир өткөн жерине кайта келиптир. Жайлообай: «Мени кайсы шайтан айдап баратат. Эй, атаңдын көрү Жайлообай, Кытайга барганда дагы партячейке болот белем», – деп өз башын өзү койгулап, үй-бүлөсү, туугандары менен айнып кайра келгенин Жайнак Саадаевдин үйүндө отуруп уккан элек.

Кочкордогу Надырбек Көбөгөндөр Карагоодогу биринсерин орустар менен жай соодагерлердин, өзбектердин пулун талап алып, бүт эли менен Кытайга качып бараткан жолдо, кайта Кытайдан келатканда ачкалыктан көп өлүмгө учурап, Көбөгөн манап үйүнө жеталбай жолдо өлүп, сөөгү Кара-Кужурга коюлат.

Жумгал саягы Көкүмбай манап айлындагы 15 түтүн орус поселкасын өлтүрүп, талап алып, бүт эли менен Кытайга качып, жалаң эле эли эмес, өзүлөрү да, Кара шумкары жана Нарбаш деген күлүк атынан ажырап жөө келишти.

Жумгалда кулжыгач Эшимбектин балдары Шераалылар Акчийдеги үч түтүн Завешчини өлтүрүп, үй-жайын талап алып, бүт эли менен Кытайда жүрүп келишти.

Канат хандын урушунун жыйынтыгы

Канат хан Кочкорго келип, аскерлерин кайра жыйнап урушка жөнөмөкчү болуп жатканда Алматыдан Токмокко келген солдаттардын бир ротасы билинбей Кочкорго (Карагайга) келип бир чоң сарайга бекинип, дубалынын туш-тушунан мылтыктын оозу баткандай кылып тешишет.

Аны билип Канаттын аскерлерин тегеректеп жаткан солдаттан түн жамынып чыгышып, калың чийди аралап, Канаттын аскерин Осоавиахим кыштагына чейин сүрүп, эгин-чөбүн өрттөйт. Ал жерден көтөрүлүшчүлөр кайра чабуулга чыкканда, Жумгал жактан чоң чаң чыгып, Акучук кыштагына көп эл келатканын көрүшөт. Жумгалдан Көкүмбайдын колу жардамга келаткан экен деп демденишип, чабуулду улантканы жатса, андай эмес, Ташкенден келаткан солдаттардын бир ротасы экен. Алар Акучуктун сайына сеп тартып, Канаттын колунун артынан атып кирет.

Эки октун ортосунда калып кыргын болуп баратканда Канаттын колу ээ бербей кача баштайт.

1916-жылдагы Үркүндүн башталышы

Жумгал тараптан келип аткылаган солдаттар Канат хандын кабарга жиберген элчиси Борончу Шамей уулу Жумгалды Курманкожо, Кулжыгачтын чоңдоруна айтып, андан ары Кетмен-Төбөгө Кудайбергенге баратканда Ташкенден келаткан солдаттар туткунга кармап алып, өзүн ок-дары жүктөгөн төөсүн жетелетип алыптыр. Атүгүл Боргемик Кудайбергенди жана Мурзабек манаптарды жол көрсөтүүчү кылып кошуп алыптыр.

Канаттын аскерлери качып үйлөрүнө барып, орупжыйнаган эгин-чөбүн, үй-оокатын, малын таштап, Кочкор өрөөнүндө болгон бүт элдин баарысы Каракол өйдө, Аркар, Чеп деген тоону көздөй үрктү.

Чүйдөн келген солдаттар Күңгөй жак менен кууп, Орток, Күмүшай, Аккудук, Сараласаз, Акбел жакка качкан элди атып, кырып, Акбелден көчтүн алдын тосуп калганда эл ылдый Ийри-Суу, Бучуктун белин көздөй качты, Жумгалдан келген солдаттар Ак-Кудук, Сөөк, Кара-Мойнок өйдө кууп чыгып, үрккөн элди атып, Бучук ашуусунун оозундагы Ийри-Суудан Бучукту өрдөп бараткан элди аткылап жатышты.

Акбелден элди тоскон солдаттар элди аябай кырып, кууп келе жаткандай Кыргоо деген коктуда Токтоной деген бечара мергенчи чалдын 16 жашар баласын атып салат. Андан качып баратып уйга жүктөгөн жүгү ооп жыгылып, кемпирин атып, дагы кууп келе жатканда чалдын жаны ачып, ооп жаткан жүктүн үстүнө жөлөп, түтөтмө мылтыгы менен бир рота солдаттын алдында эрдемсинип келе жаткан командирин мээлеп туруп ыргыта атканда, артындагы солдаттар кайта качат. Токтоной чал жүгүрүп жетип, командирдин жээрде атын кармап, беш атар мылтыгын, тапанчасын жана бут кийимин сыйрып кийип алып, катын-баламдын куну ушул деп жолго түшөт.

Ошентип, элдин өлгөндөн калганы төртөрдүн башындагы бийик зоокага чыгып кутулушту. Качкан элдин баарысы тоо-таштын арасында жашынып, тамак-ашы жок, ач калды. Кайран жер, бышкан эгин, үй-жай, жайнаган мол солдаттардын эркинде калды.

Ошентип жатканда кай бир белсемдүү азаматтар айгыр, аттарын минишип түн катып, Ийри-Суунун түзүнө түшүп барышып, бирин-серин эгин, кой таап келгендери көп болду. Бирок солдаттарга көрүнүп калып октон өлгөндөрү да болду. Эгинсиз, жалаң эт жеп беш-алты күндүн ичинде элдин көбү кара чычкак болуп оору жа йылды.

Тоо башында эл айласы кетип кайгырып, эки жактан элдин баары Кытайга, Кашкарга, Турпанга кетип жатат дешти.

Эми бизди Канаттын эли деп кырат го. Биз дагы Кытайга кетсек болот эле, бирок жолду тосуп калды, кандай айла кылабыз деп айласы кетип жатканда Канат кан тоодо жүрүп айыл жакшыларын, уруу башчыларын чакыртып алып кеңешме кылып, элге айткан акылы:

– Элим! Силердин убалыңарга мен калдым. Силер Кытайга качабыз деп убара болбогула. Ушул жерде тынч тургула, силерди кимдир бирөө келип сураса, бизди Канат кан зордук менен эле көтөрүлүшкө тарткан. Өзү кетип калды. Биз эки жакка кетпей эле тынч турабыз. Бизди кечирип койгула деп айта бергиле.

Орус падышалыгына деле эл керек, тынч калган элди бүт кырып жибербейт. Тынчытат, Кытайга тентип барганда жыргап кетпейт. Кытай менен орус жеринин ортосунда тентип өлөт деп, элди токтотуп коюп, анан өзү эки аялы, жаш балдары, үч-төрт жигити менен Кытайга кетели деп жөнөйт. Караколдун ортосунда тоодо бозала таштын арасында жаткан Ташкен тараптан келген солдаттар командири жолдун жолбаштооч кылып алган манап Кызылбаш Кудайбергенди алып, Сөөктүн орто сазында Боогачы уулунун тамында тоодо жүргөн элдин аттуубаштуусун чакыртып сураганда баякы Канаттын үйрөтүп кеткен кебин айтышат.

Анда беркилер: – Эмесе силер эч жакка кетпей, коркпой, Сөөк–Караколдун оозунда 500 теше жакшы жерди орус кыштагын түшүрүү үчүн кестирип койгон жерге көчүп түшкүлө. Анан жарашып сүйлөшөбүз деп түшүндүрүштү.

«Канаттын Уфа шаарынан окуп бүтүп келген 25 жаштагы мугалим уулу Ысакты, көрөркөз жигити Курманаалыны атаңды таап бересиң» – деп кармап айдап кетти.

Канаттын Орто-Токойдун тоосу аркылуу жүрүп Топуракбелин ашып, Караколдун Алабаштаз деген жерине барып, Түмөнбай дегендин үйүнө конуп ойлонуп, Кытайга барып корголоп кор болуп жүргөндөн көрө өлсөм да өз жеримден өлөйүн деп айылына кайра кеткенин угушуп, Исак менен Курманалыны ошол жерде дарга асып өлтүрүштү. – Үй ээси Түмөнбайды коногуңду таап бересиң, – деп айдап кетишти.

Жумгалдагы манап Курмандын уулу бала болуш Ыскак деген Канат хандын кудасы, ушуну кыстаса таап берет деп Кудайберген менен Мурзабек айтса керек, Ыскакты кудаңды таап бересиң, болбосо сени да жазалайбыз деп опузалашат. Ыскак болуш 20–30дай солдат менен издөөгө чыгат.

Ыскактын кудалык жайы мындай

Ыскактын карындашы Күласал деген Канаттын улуу уулу Карыпбай манаптын катыны болчу. Ал мурун манап Көкүмбай датканын уулу Шакирдин аялы эле. Аны чанып чоң манап Мурзабектин иниси Абдылдабекке качып тийип кеткен. Андан Көкүмбай датка чоңдук кылып курманкожо, кулжыгачты дүрбөлөңгө түшүрүп, кайра алган. Андан кайра Канаттын улуу уулу чоң манап Карыпбайга тийип алат да курманкожо, кулжыгач, сарбагыш үч чоң уруу элдин ынтымагын бузуп, аябай чайкаган бейбак болчу.

Ошол кудасы Ыскак. Анын эри Канаттын уулу Карыпбай. Алабаш Тоңдогу конгон үй ээси Түмөнбай баш кошуп сүйлөшүп алган окшойт, Канат ажы атасы Саржан деген тоодо качып жүрсө уулу Карыпбай ошол жерде Көтөш деген кишинин үйүнө козу союп конокко чакырып келип, кечинде эт жеп жатканда кудасы Ыскак болуш 30 аскер менен үйдү тегеректеп калат.

Канат уулунун кайнагасы Ыскакты атып салам дегенде: «Ата, элдин убалына каласың!» – деп Карыпбай мылтыгын кармап калат.

Канат кылмак экенсиң, кылдың деп мылтыгын ташка чаап, колго түшүп берет. Канатты Тайкашка аргымагына мингизип алып, Нарынга айдап келет.

Ал эми Абайылда, Темирболот элинен качпагандарын жайларыңарга барып тынч оокатыңарды кылгыла деп уруксат берди. Элдин баары өз короо-жайларына барып, кырмандарында орустар малга талатып, тебелетип салган топондорду сапырып эгиндерин алып, ун-талкан жасап, курсагы тоюп калышты.

Канатты Нарынга алып барып сурашса, мен ханмын, Николай падышага каршы уруш чыгаргам. Эми ал түшүп, ордуна Куропаткин деген демократ падыша болуп келет дейт, ошонун жүзүн көрүп, ошого сурак берем деп болбой койсо, Алматыга айдап барышат.

Алматыда дагы сурак бербей Куропаткиндин жүзүн көрсөтүп, жолуктурсаңар анан сурак берем деп тажатканда полициялар чач тарачка чачын алдырабыз деп алып барып, башына уу куйдуруп жиберет. Башы шишип, ошондон өлүптүр. Сөөгүн казактар алып барып жаназа окуп, жууп, казактын мүрзөсүнө коюптур.

Тайкашка аргымагын аерде полициялар жакшы багып жүрүп, кийин үй-бүлөсүнө кайтарса, уулу Карыпбай жигиттерине мингизип ууруга жүгүртүп, анан жоболоңдуу катыны Күласалга мингизип жүргөндө тели болуп өлүп калат.

Канаттын орусча окуп бүткөн баласы Жапар Садыкты Бишкектин карабагына кармап барып, атып салды. Карыпбай деген баласы атасына чыккынчылык кылып, кармап берип аман калды. Кийин совет өкмөтү чыккандан кийин, жергиликтүү совет бийлигин чыңдоого чоң тос коолдук кылып, Алаш ордо мүчөлөрүнүн 30дай тобуна кошуп, солто, тынай, жаатчылыгын уюштурууга эң активдүү катышып, тынч жүрбөгөнүнөн акыры совет өкмөтү жергиликтүү жарды-жалчы кедейлер тобунун талабы боюнча эл ичинен алыстатып, четтетип, сүргүнгө айдап, түрмөдө жүрүп өлөт.

Кытайга качкан элдер Кытайда тентип жүрүп көбү өлүп, кысталганда кыздарын, балдарын кытайлыктарга сатып калтырып, кайра келаткандары ач-жылаңач, жугуштуу келте ооруга жолугуп, жолдо өлгөндөрү, аман калгандары Кытайга качпай жеринде калган Абайылда Темирболот элинин айыл арасында турпанчыбыз деп кудайы-кайыр сурап жүрүп, кай бири талаада чий арасында өлүп, ит менен кушка жем болду. Кай бирлери балдарын, кыздарын айыл четине таштап кетип, көрүп багып алган кишилерден алты ай, эки-үч жыл өткөндөн кийин келип таанып, сурап кеткендер да көп болду.

1917–18-жылдарда качкын турпанчыларды аман сактап калуу үчүн өкмөттүн көрсөтүүсү боюнча Кочкордо Тармалcаз деген жерге жайдак базар уюштуруп, азыктүлүк, ишкана-пункт ачып бактырды.

ЭДВАРТ МУРРАЙ

30-ЖЫЛДАРДАГЫ ТЕКЕС КЫРГЫЗДАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Редакциядан: Окурмандарга сунуп турган бул баян, 1936-жылы Америкадан чыгуучу «Мамлекеттер географиясы» деген журналга англисче сүрөттөр менен жарыяланган болуп, ал журнал азыр Америкада сакталуу экен. Бул Текес кыргыздары жөнүндө баянды жазган автор америкалык болуп, ал 30-жылдарда Текеске келип, өз көзү менен көргөнд өрүн-уккандарын жазган. Кытай кыргыздарынын коомдук жашоо жагдайынын мурдакысы менен таанышууда пайдалуу материал катары карап, журналыбызда кыргызча котормосун кээ бир кыскартуулар менен жарыялоону ылайык көрдүк. 30-жылдардагы Текес кыргыздарынын турмушу окурмандарды кызыктырбай койбойт деген ойдобуз.

Көчмөндөрдүн жайкы бейиши – Текес

Бухара менен Самарканддан ары Ташкен, Ташкенден кербен жибек жолу аркылуу Кытайга барат. Андан ары жүрө берсең тоолор, жайлоолорду басып өтүп, чек ара аркылуу айтылуу шаар Кулжага келесиң. Кулжанын базарына түркүн түстүү кундуз тебетей (тумак) кийген орустар келип-кетип турат. Моңгулдун ламалары да көзгө чалдыгып, мусулман соодагерлери болсо жарыша кыйкырышып базарды кызытышат. Көчөдөн дагы карагай баскан арабалардын өтүп баратканын көрөсүң, шаардын мейкиндигинде ак булуттар каалгып жүрүшөт. Жай мезгилинде Кулжа калаасы аябай ысып кетет экен. Ошондой тамыздарда эл ат-арабалары менен тоонун салкын төрлөрүнө жайчылап келүүгө жөнөшөт.

Мен кыш жана көктөм мезгилин Кулжада өткөзүп, жай келгенде атактуу Текес өрөөнүнө барууга камындым. Биз жолго чыгып жүрүп отуруп бир сайдын таманына келип калдык, сайдын кашаттары аябай тик болуп, калың чөп жаап тургандыктан, көк асман араң эле көрүнөт. Ошол кезде алды жактан бир аттуу адам бизге жете барды. Мен аны моңгул уругунан бекен? – деп ойлодум. Себеби беттери кара, бет сөөктөрү толтогой келген киши экен.

Башында кара калпагы бар. Кебетесинен караганда бизди кыйладан бери байкап тургандай, ал бизге жакындашып унчукпай жанаша бастырды. Көчмөндөр адам менен таанышыштан мурун көп сүйлөшө бербейт. Биз дагы унчукпай бирге жүрө бердик. Мен анын басып келишин күтүп карап турдум. Жакын келгенде биз анын кайда барарын сурадык. Ал атынын башын буруп бизге карады. Анын ачуусу келе түшкөнүн бетинен байкадым.

Биз ага Текес өрөөнүнө барабыз, кыргыз аксакалы Сайжанбекке учурашабыз – деп айттык. Ал киши атынын башын тартып аялдай түштү да, бизге карап күлүп жиберди:

– Бул жол Текеске барбайт. Мындай жүрсөңөр адашып кетесиңер, талаада калышыңар да мүмкүн,– деди да Текеске кандай барып, кандай келе турганыбызды айтып берди. Ал дагы: – Биз калмактардан (монгол) тоодо жашаган кыргыздарга салам айтып койгула, – деди. Ал киши монгол жайлоолорун кайтарган киши экен. Биз анын айтымы боюнча көрсөткөн жагын карадык. Алды жакта бир жалгыз аяк жол жаткан экен. Биз ошол жалгыз аяк жол менен тоо ашып, суу кечип жүрүп отуруп бир тоого келип жеттик.

Үч жылдык саякат нышааны

Мен үч жылдан бери аңсаган Орто Азия элдеринин бейиши деп аталган Текес өрөөнүнө соңунда келдим. Менин көз алдымдан чалкайган кең Текестин өрөөндөрү киноэкрандай өтүп жатты. Узунга созулган кең өрөөн тоо бооруна туташып, ак баш чокулары менен биригип кеткендей болду. Бул чокулар чоңойгондон чоңоюп бирибиринен бийик көрүнө берди.

Биз алыскы Стамбулдагы кезибизде аталган кең Текестеги көчмөн мусулман элдеринин кандайынча мал багып, кандайынча тиричилик кыларын, ушундай бейиштей жерде өз салттары боюнча жайбаракат жашарын эшиткен элек.

Биз аталган жерге жетип келээрибиз менен токой ичиндеги бир топ жыгач үйлөрдү көрдүк. Чындыгында Кулжадагы досум айткан Сайжанбектин үйү экен. Мен атымдын башын буруп, жалгыз аяк жол менен үй жакка карай бастырдым. Сайжанбек: «Ой, сиз чындыгында америкалык турбайсызбы!» – деп бизди кызуу тосуп алды. Ал малдаш урунуп отуруп, менин тааныштыруу кагазымды көрүп чыкты. Мен өзүмдүн Текеске келүү максатымды, анын Стамбул «Робрт» институтунда окуган таякесинин баласынын салам айткандыгын, ал бала менин окуучум экендигин, анын Текес, Кулжа жөнүндө айткандарына аябай кызыкканымды, менин Кулжа менен Текеске бир барып саякаттап кетүүмдү көп жолу айткандыгын айттым.

Сайжанбек болсо чыканактай болгон кичине киши экен, менин элесимде көчмөндөрдүн мартабалуулары балпайган чоң киши болучу. Бирок мага билимдүү, акылман кишидей көрүндү. Анын сөздөрү аябай тартымдуу болуп, айткандары эки болбой аткарылат экен. Аны көрбөгөн кишилер аксаргыл келген өңүнөн улам орус же татар деп түшүнүп калышат кептенет.

Сайжанбек дайыма башына топу кийип жүрөт. Жылаңбаш жүрүүнү жактырбайт. Ал ак жакалуу көйнөк, узун кончтуу булгаары өтүк, чийбаркыт чапан, кээде Россиядан алдырып келген өтүк кийип тыкан жүргөн киши экен.

Бирдемдин ичинде, Стамбулдан бир америкалык аксакалдын үйүнө келиптир деген кабар угулуп, айыл аксакалдары учурашуу үчүн туш-туштан келе баштады.

Алар бизди тегеректеп отурушту.

Алар жер шары болсо жалпак деп карашат, Американы билишпейт.

Бул кишилер жер шары болсо жалпак деп түшүнгөнү үчүн, аларга жер шарынын айлана тургандыгын ишендирүү кыйын, жер жалпак, деңиз каптап турат дейт. Күн жер шарын айланат деген идеядан тегеле кайтара албайсың, алар тек Россияны, Кытайды, Иран, Түркия, Кашмир, Индостан, Тибет, Апкан, алыскы Англияны гана билишет. Американы такыр билишпейт. Мен аларга франги[1] экенимди түшүндүрүп айтпаганымда мени орус деп калары анык эле. Сөз аралыгында мен аларга суроо бердим. Алардын айтымында эки чоң эл жашайт экен. Монголдор менен көчмөн түрк элдери. Мунун ичинде кыргыздар менен казактар чогуу жашашат. Алардын тили, ишенген диндик жааты, салт-санаасы өтө жакын экен. Алар өзүлөрүн Чыңгысхан заманында бир улут болуп жашаганбыз деп айтышат. Бирок аларда тил айырмачылыгы бар экен. Балким, диалектик айырмачылык болсо керек. Кыргыз аялдары менен казак аялдарында бир чама айырмачылыктар бар. Кыргыз аялдары элечек оронот экен. Бир карашка дыкан көрүнөт, кыргыздардын көбү көлдөн (Кыргызстан, Ысык-Көл) келген өңдөнөт.

Кыргыздар жана монголдор тууралуу билгендерим

Сайжанбек бизге: «Текес өрөөнүнүн баш жагындагы монголдор бул жерде бир нече кылым жашаган эл. Алар Тибеттерден будда динине ишенет. Өз алдынча жосундары бар. Нечен жылдардан бери кытай биздин өз алдыбызча жашашыбызга бир чама мүмкүнчүлүктөрдү берген. Алар бизди башкаруу оңойсуз деп билип, өзүбүздү өзүбүз башкаруу укугун берген. Болуп дагы жакынкы жылдардан берки тынчсыздык көрүлгөндүктөн, биздин үйгө бүт Текес өрөөнүндөгү элди башкаруу укугун берген. Бул чара өзүнүн күчүн көрсөттү. Мен алардын ортосунда (кытайлар менен монголдор жана мусулмандар) көпүрөлүк роль аткарып келем, мүмкүнчүлүктүн жетишинче ички иштерине аралашып келе жатам», – деди. Сайжанбек менин Текесте көбүрөөк турушума жакшы шарттарды түзүп берди. Өзү болсо айыл аксакалдары менен уруу башчыларын жыйып, эл ичинде кандай абалдардын бардыгын текшерип жүрдү. Мен дагы бирге жүрүп моңгулдарды жана башка көчмөндөрдү өз көзүм көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Сайжанбек: «Мен эл иши менен шашылышмын. Азырынча Алабек сага жолдош болуп бирге жүрөт,– деди. Анан 25 жаштар чамасындагы күлүмсүрөп турган жаш жигитке башын ийкеп койду. Жигит ак калпак, чийбаркыт чапан, кырым өтүк, кара белбоо тагынган болуп, анын чыйрак жигит экендиги байкалып турду. Сайжанбек:

– Ал барлыгын билет – деп көзүн кысып, бардык аялдарды да билет деп тамашалай сөзүн улай, ал биздин ичибиздеги монгол тилин, алардын сырын, жада калса купуялыктарын, түрлүү жол-жосундарын, буддалык окууларын, ырларын жакшы билет. Алабек силерге башканы коюп өзүнүн көргөн-билгендерин эле айтып берсе, Текесте турган күнүңөр көз ирмемде өтүп кетет. Ал мүмкүн болсо колукту да таап берет. Анан калың берип үйлүү-жайлуу болуп, Текесте жашап каласыңар – деп тамашалады. «Жүргүлө, мен силерге Текестин накай сулуулугун көрсөтөйүн – деп, Алабек нары жактагы боз үйлөрдүн алдындагы турган малай жигитке аттарды алып кел деп кыйкырды. Мен аларга: «Ат жакка өзүбүз басып барсак эле болот» – дедим. Алабек мага таңыркап карады да: «Эмне үчүн басып барабыз, жөө болбосок же биз малай болбосок» – деди. Ошо сөздөн улам мен алардын салт-санаасы, жүрүм-турумуна кайчы иш кылып коюудан чочулап, байкас кылуучу болдум. Ак үйдүн алдына барганыбызда мен аттан түшүп, чылбырды малай жигитке карматтым. Боз үйдүн ичине киргенден кийин бут кийимимди кереге түбүнө чечип, төр жакка өтүп, малдаш урунуп отура кеттим. Төрдө бир киши бир нече мамык жаздыктарды кабаттап коюп, чыканактап чылым тартып жаткан экен. Чылымды жети-сегиз ирет ичине тартып-тартып жиберип, бизди эми эле көрүп калгандай өөдө боло берди да биз менен баш ийкешип саламдашты. Татарлар эмне үчүн кол алышып көрүшпөйт?

Биз дагы баш ийкешип саламдаштык. Алабек болсо ийилип туруп салам берди. Көрсө, түркү элдеринин адатында кичүүлөр кол алышып көрүшпөйт кептенет. Кол алышуу кандайдыр ыңгайсыз кыймыл деп түшүнөт өңдөнөт. Үй ээси бизди дагы бир жолу төр жакка сунуш кылды. Алабек мага «биздин аксакал татар уруусунан (улутунан), аялы кыргыз болот, – деп тааныштырды. Мен илгери татар соодагерлеринин ичинде жүргөндүгүм үчүн, алар өзүлөрүн төрө мүнөз санай тургандыгын билүүчүмүн. Демейде шаарлык татарлар көчмөн түрк элдерди кыргыздар менен турмуш куруп калганы менен баарысы аларды төмөн санашчу. Бирок бул киши болсо өзүнүн шаардагы жакшы турмушу жана татарлар коомунан ажырап, малмүлк, бала-чакасын алып, кыргыздар ичине көчүп келген экен. Ошол себептүү кыргыздар бул кишини байлык же маданият жагынан болсун аябай чоң билип, сыйлашат экен.

Үйдөгү аялдар баары боз үйдүн бир бурчуна ыкчамдалып олтурушту. Томолок бет сулууча келген бир кыз советтен алынып келген кездемелерден кийим тигип отурат. Анын таза, иреттүү кийинген кебетесинен шаарда чоңойгондугу билинип турат. Кыздын энеси болсо бизге кымыз куюу менен убара, башында элечек, тиши түшүп калган кемпир сабадагы кымызды бышып жаткан экен. Мен аны кыздын чоң энеси болсо керек деп түшүндүм.

Бир казак кыз эки тизесине бир сүлгү коюп алып, сайма сайып жатыптыр. Кандайдыр бир той даярдыгы менен камылгаланып жаткандай. Үй ээси менден Стамбул шаары жөнүндө сурап жатканда, Алабек аялдар менен аңгемеге түшүп кеткен эле. Үй ээси татар киши бир нече жыл мурун Стамбулдан бир кат тапшырып алгандыгын, ошол катты окуп берсеңиз деп аялы менен кызына башка бир боз үйдөн катты алып келүүгө буюрду. Алар чыгып кеткен кезде Алабек кыз сайып жаткан сайманын өрнөк гүлүн башкача кылып сайып койду. Муну көргөн кыздын чоң энеси күлүп жиберди, Алабек да кошулуп күлдү. Кээде чоң энелер дагы (макалдарда айткандай) жаштардын көөнүн түшүнөт эмеспи. Кыз кайтып келгенде сайманын өзгөрүп калганын көрүп, бети кызара түштү. Анан Алабекке көзүнүн кыйыгы менен карап коюп, өз жумушу менен алек боло баштады.

[1] Франги – батыш европалыктарды ушундай атаган.

Кыздын калыңы жыйырма беш жылкы, үч жүз кой

Биз талаага чыгып аттанаарда Алабек бизден: «Бул кыз силерге кандай жактыбы?» – деп сурады. Ал жооп күтпөй эле: «Бул кыздын калыңы төлөнүп болгондо меники болот, калыңга 25 жылкы, 300 кой бермек болуп, менин атам менен анын атасы бүтүшкөн», – деп жылмайып койду.

Биз Алабек менен айылдан аттанып чыгып, жолдо бир жыгач үйдүн алдынан өттүк. Алабек: «Кыргыздар жыгач үйдү үй ордуна көрбөйт» – деди, мен Алабекке: «Угушумча көчмөндөр эгин эгип, бак тикпейт деп уккан элем. Бул жерде көптөгөн бак жана гүлдүктөрдү көрдүм» – дедим. Алабек: «Балким, татарлар менен дунгандар эксе керек. Бирок биз кыргыздар, антпейбиз. Эгин эгип алсак жылдык азыгыбызды камдап алар элек деп ойлойбуз. Бирок көктөм келгенде унутуп салабыз. Анын үстүнө кымыз менен козу бышкан кезде бул элетте кимдин тургусу келсин дейсиң, эгерде ар жылы арык бойлорундагы түз жерлерге азыноолак дан салып койсок ошол эле бизге жетпейби»— деди. Мен: «Андай болсо сиз дыйканчылык кылбайсызбы?» Алабек: «Мен күрөк кармаймбы?» – деп, колун күрөк кармаган сыяктантып көтөрдү. Текес кыргыздары кеч курундары айылдын ортосундагы аксакалдын үйүнө келип чогулушат. Аксакалдын эки ооз жыгач үйүнүн бир оозунда мен, дагы бир оозунда Сайжанбек эс алчу.

Бул жерде кыргыз бектери дайыма арыз суроочу. Алабек мага: «Сырттан келген кишилер кыргыздын сот кылгандагы кезин көрүүгө болбойт» – деди. Мен сот кылуучу келиштен мурун бул жерден кетүү керектигин түшүндүм. Бектер узун орундукта ширени бойлоп отурат, Сайжанбек өзү жалгыз төрдөгү орундукта отурат экен. Алар соттун иштерин, урууларды, ажырашкан аялдын мүлк арызын, жайлоолордун талаш-тартыштарын кандай бир жактылуу кыла тургандыгы жөнүндө кеңеш алып барат экен.

Бир жаан күнү кечиндеси сот кылуучу үйдө уу-чуу болуп кетти. Мен оозгу үйдө оронуп жатып, бака-шака түшкөн талаш-тартыштарды эшиттим. Бир киши кыйкырып-бакырып шире муштап жатыптыр. Мен алардын эмне дешкенин түшүнбөсөм да кандайдыр: «Ырас болду, жазаңды тартасың деп жаткандай түшүндүм, бир кезде бектер алакандарын «чарт» дедирип кагылыштырып шире тегерегинде туруп бирдемелерди сүйлөшкөндүгүнөн, жаңкы белгиден улам сурак аяктады, өкүм чыгып болду дегенди түшүндүм. Анан бир топ киши чыкты да караңгыда андан ары житишти. Бектердин аттарынын баткакты чалпылдатып басканы, ээр токумдардын күмүш жабдыктары шарактаган доошу алыстаганда гана, үйдүн чатырчасынан түшүп жаткан жаандын дыбыраган үндөрү угулду. Мен ичкерки үйгө кирдим. Үйдүн май менен жасаган биликтин үлпүлдөп жанып турган жарыгында Акмат деген казак малай киши бурчтан көрүндү. Ал чөк түшүп отуруп алып башын көтөрүп теспе тартып жаткан экен. Мен карап тура бердим. Ал бир нече минуттан кийин башын көтөрүп үн катты.

Бажыдан качкан кишинин камчы жеши

«Франги аксакалдын ачуусун келтирип койду. Бир кыргыз малчы бажы үчүн аксакалга алты койго карыздар болгон. Анын үстүнө ат берип, өз убагында төлөп бермек болгон. Мен койлорду алганы барсам жоокалатып, мал жайлоого чыгып кетти, козулар семире элек деп бербей койду. Мен куру кайтып келдим. Ошого аксакал менден себебин сураган» – деди. Мен: «Аксакал эмне мынча ачууланат?» – деп сурадым. Ал: «Биздин элде ант берип, антын аткарбаган аябай оор иш, бүгүн бектер ошол антын аткарбаган кишинин жазасын бериш үчүн аттанып кетти» – деди. Акмат ал камчычылардын кайтып келгендеги суук кебетелерин абдан билүүчү, ал мага: «Алар келгенде сен эптеп алардын көзүнө көрүнбө. Бирок коркуп да кетпе, эртеси ачуулары жазылып калышат», – деди. Мен одеялга оронуп уктап калыптырмын, бир нече сааттан кийин алар кайтып келишти. Мен жарым уйкулуу жата бердим. Сайжанбек суу болуп кеткен чепкенин чечип илип коюп, бектер менен бирге одеялдарын жая салып уйкуга кетти. Үйдүн ичи тымтырс болду. Тек гана чепкендерден түшкөн тамчы үн менен үйдүн төбөсүнө түшүп жаткан жаандан башка үн жок. Бир күнү эртең менен Сайжанбек ойдогу жумуштар бүттү. Эми жайлоого эртерээк көчүшүбүз керек, – деп жарыя кылды, бул ишке Алабек жооптуу экен. Элин жыюу менен убара болуп жүрдү.

Ар түрлүү тилдер жана ар түрлүү элдер

Жолго чыгаар алдында айылдын борборуна ар улуттан болгон кишилер жыйыла баштады. Көрсө, Сайжанбек бек баштаган жети улуттан куралган айыл башы аксакалдар экен. Мени менен Алабек экөөбүз ортодо бастык. Аркабызда Фубиңий деген дунган, Ардук деген монгол бала, Якупбек деген татар (ойдоку айыл башчысы) дагы бир түрк аскер, Акмат деген казак кызматкер, бир канча кыргыз бектери болуп жайлоого аттандык. Дегинкиси, Орто Азияда жашаган түркү тилдеш улуттар бир биринин тилин, салт-санаасын жакшы билишет. Мен дайыма алардын тектеш түркү улуттары орток түшүнө ала турган сөздөр менен сүйлөшүп жаткандыктарын сезе баштадым. Биз жайлоого бара жатканда алардын сүйлөшкөндөрүнөн алты түрлүү тил диалекттерин байкадым. Бул күнү күн чайыттай ачык болду. Демейдеги ак баш тоолорду туман каптап тургандыктан анык көрүнбөчү. Бүгүн айтылуу Хантеңирди көрө алдым. Текестин абасы өзгөрүшчүл экен. Жарым сааттын ичинде шаркыратып куюп жиберет да, анан жарк этип ачыла түшөт. Кээде туруп эле мөндүр бадырата кетет. Бирок жерлик адамдар буга көнгөн экен. Жери жаанчыл болгондуктан, көпкөк болгон мейкин талаа көзгө ажайып көрүнөт. Бул жерге «Гүл бакчага оронгон бейиш» деп даңазалаганы бекеринен эмес, ошонусу менен даңктуу көрүнөт.

Бизден мурун да өрөөнгө саякатчылар келип турган. Былтыр жайында бул жерге да кургакчылык болуп, көптөгөн малчылар көчүүгө аргасыз болгон. Биз жол бою жүрө берип, бир нече көчтөн өтүп кете бердик. Көч айдагандардын кээлери атчан, кээлери өгүзгө минип алган. Көчмөндөрдүн көчү акырын жүргөнү менен коопсуз жана жайлуу болот экен. Кээлери ымыркай балдарды бешикке бөлөп өңөрүп алышкан. Мен аялдардан бешикке бөлөп чоңойткон баланын буту-колу түз, таза чоңоё тургандыгын билдим. Ар бир үйдө беш-алтыдан өгүз болуп, боз үйлөрдү артып алышат, аялдар болсо короо-короо малдарды айдап алышат. Биз ат менен тоо жакты карай бир нече саат жүргөндөн кийин, ойдун ысыгы артта калып тоонун салкын жели келе баштады. Ошентип, биз аңсаган жайлоого да жеттик. Жайлоонун көркү мен уккандан да башкача эле. Аркайган бийик аскалар, ар түрлүү ашуулар, чуңкур сайлар, белчеден келген калың чөптөр адамга башкача сезим берет. Топ-топ болуп өскөн карагайлар кудум тоону каптап келе жаткан танкалардай көрүнөт. Айтору, топтоп болгон ак үйлөрдү, миңдеген мал чарбаны өз койнуна сыйдырып келген бул чалкар төрлөрдөн эч кандай кынтык таппайсың. Ооба, Текес жайлоолорун Орто Азияда бейиш деп мактаганы бекеринен эмес экен. Чындыгында, мындай жерди дүйнөдө аз учуратасың десек жаңылыш болбос. Мен Орто Азиянын чөлдөрүн, Кулжанын ысыктарын басып өтүп, ушундай серүүн жерге келгенде аттан ыргып түшүп, көк шиберге оонагым келип кетти. Жайлоодо жылкылар кишенеп, кулун-тайлар оюн салып жүрөт. Боз үйлөр экиүчтөн болуп конуштанган. Тегерегинде мал жайылып жүрөт. Алабек топ үйлөрдүн өөдө жагына тигилген бир ак өргөөнү көрсөтүп: «Биз тээтиги үйгө түшөбүз» – деди. Биз аттарыбыздын тизгинин үй жакка буруп, тез бастырдык. Үй ээси бизди күлүмсүрөп тосуп чыкты. Биз аттан түштүк да, чылбырды кызматчы жигитке карматтык. Үйгө киргенден кийин кымыз келтирилди. Мен кымызды кыйла көп ичип койгонума таң калдым.

Кымыз адамды мас кылат

Мен чынында кымыздын кишини мас кыла тургандыгына ишендим. Талаага чыкканымда буттарымдын бошошуп, темтеңдеп калгандыгымды сезем, кыргыз бектери эчтеке болбогондой көрүнөт. Алардын «тойгуча кымыз ичсең жакшы сайрандайсың» дегени бекеринен эмес экен. Үйдүн аял кожоюну бир чөөгүндү сууга толтуруп, отко коюп койду. Чай кайнай баштады, аңгыча эшиктен татынакай эки бала кирди. Алар кичине күрмө чапан, аласы ачык шым кийип алган. Көчмөндөр бала кыял, балдарды аябай жакшы көргөн эл болот. Алар балдар менен тамашалашып ойнойт. Бектер балдары аздарды кембагал деп карайт. Эгерде, кембагалдардын балдары көп болсо, аларга урмат көз менен карайт. Фубиңий деген чоң сакал дунган үй ээсинин коломтодогу отту ичкериштирип, бат күйдүрүшкө аракет кылып жаткан аялга жанаша отурган эле. Аялдын боюнда болуп, чамасы эки-үч жумада төрөй тургандай. Фубиңий аялдын курсагын жеңил таптап туруп: «Силер баланы кыйын табат экенсиңер» – деп тамашалады. Муну угуп аял күлүп жиберди, ага кошулуп үй ичиндегилердин баары күлүштү. Кыргыздарда аялдар канча көп төрөсө ошончо ардактуу болот, эл дагы урматтайт экен. Биз алды менен кымыз, анан чай ичтик, артынан эт жедик. Биз жайлоого түштө келген элек. Эл жатаарда араң этти жеп бычак жана колдорубузду жуудук. Менин баамымда Текес элдеринин конок күтүү тартиби ушундай болсо керек. Бир маалда, бир чал менен бир койчу бала бир аспапты көтөрүп үйгө кирди. Алар үндөрүн бийик көтөрүп, созолонто ырдай баштады. Ырдын обону кээде бийик, кээде басаңдап, адамга бийик тоолорду, кең кеткен байчечекей жайлоолорду элестетти.

Тартип боюнча тегеректеп жатуу

Биз бутубузду коломто жакка каратып жаттык. Үй ээси оң жакка, мен жана Сайжанбек төр жакка, андан калса чоң-кичинесине карай жайгаша баштады, эң акырында кызматчы Акмат жатты. Үй ээсинин аялы болсо отун алып келип, отту чоңойтуп жагып коюп анан жатты. Бул жерлерде отун аябай көп болот экен. Бирок Орто Азиянын  башка  жерлеринде болсо аз болот. Мындай жерлер де малдын тезегин отун катары иштетишет. Мен бир аял дан: «Силер отун жагууну жакшы көрөсүңөрбү, тезекти би?» – деп сурадым. Аял бир азга ойлоно калды да: «Анын эмне айырмасы бар? Тезекти биз теребиз, отунду да биз алабыз» – деди. Тоолук элдер эрте туруп, эрте тиричилик кылгандыктан, күндүн кылайып чыккан мезгилин, таң алдындагы тунук абаны бошко кетирбейт экен. Биз саар таң атышы менен ордубуздан турдук. Жаткан үйдүн баласы мени ылдыйкы жактагы сайга баштап барып, өзүнүн баккан бүркүтүн көрсөттү. Бүркүт Американын алтын баштуу бүркүтүнө окшойт экен. Бүркүттү үч ача жыгачка кондуруп, томоголоп коюптур, бала мага бүркүттүн алган элигин көрсөттү, бул жердеги аңчылар уулаган элик, бугу мүйүздөрүн кытайларга сатып берет экен. Текестиктер бүркүт менен аң уулашка аябай кумар, аны эң жакшы дене аракет оюндары катарында эсептешет, мезгилинде бүркүттү колуна кондуруп, тайгандарын ээрчитип, күлүк аттарга минген күнү аябагандай кубаныч күн болот. Алар кайберен көрүүлөрү менен бүркүттүн томогосун алып жиберет. Ошондо бүркүт күүлөнүп туруп, асманга көтөрүлөт да шуңгуган бойдон келип, кайберенди басып калат. Баралына жеткен бүркүттөр болсо майда кайберендерди кармагандан башка тоо теке, аркар-кулжа, аюу, илбирс, карышкырларды да кармайт экен.

Көчмөндөрдүн аялдарынын түйшүгү түгөнбөйт

Ак боз үйдө жашаган көчмөндөрдүн эркектери көк чөптү жамбаштап жатса, аялдары тынымсыз иштейт. Алардын таанымында аялдар үй жумушуна байланыштуу оор түйшүктөрдү, малды карап, бала багып түй шүктөнүш керек экен. Анын сыртында ат токуп күйөөсүн аттандырып, күйөөсү кайра келгенде аттан түшүрүп тосуп алат. Көчкөн кездерде аялдардын жумушу аябай күжүр болот. Боз үйдү чечет, жүк артышат. Айтор, тиричиликтеги иштердин баарын иштейт. Эркектер болсо тамекилерин ырахаттана тартып, комуз чертип же угуп жыргап жүрө берет. Алардын негизги иши аялдарга буйрук түшүрүү, чабыштарга даярдануу, ал үчүн жаратуу катарлуу жумуштар менен алек болот экен.

Бир кезде тыштан дүбүрт угулду. Көрсө, саан бээлерди айдап келген экен. Аялдар кулундарды кичинеден эмизе коюп, кайра тартып алып бээ саай баштады. Мен бээни ушундайынча сааганын эки-үч ирет көрдүм.

Кымыз ачытуу

«Бээнин сүтүн уйдун же эчкинин терисинен ийлеп, ышталган сабага ачытат. Сабанын түбүнө азыраак ачыткы көрөңгү калтырып үстүнө сүттү куя берет. Бир киши уламулам бышып турат. Бир суткада эң жакшы ачыган болот. Ар бир бышканда беш-он мүнөт бышат», – деди үй ээсинин энеси. Ал кемпир бизге: «Сабанын түбүндө чөгүп калган кымыз үрпү менен тери ашатабыз» – деди. Бул өрөөндө нечен жүз жылкысы бар бай кишилер бардык айылды кымыз менен камтый алат экен. Биз жаткан үйдүн үч боз үйү бар. Бирөө өздөрү жаткан, анан ата-энеси турган үй, малайлары болуп үч үй. Бир кезде бир малай жигит бир койду алып келди, отургандар колдорун көтөрүшүп бата кылышты. Мен дагы колумду көтөрүп бата берген таризде аракет кылдым. Чыгыш түркү элдеринде ушундай бата кылышты чоң билишет. Мен сыртка чыгып кой сойгонду карап турдум. Кызматчы жигит бычакты койдун кекиртегине бир ыйкады да койду мууздады, кыпкызыл кан жыгач табакка чыркай баштады.

Куйругу кампадай болгон койлор

Орто Азиянын койлору чоң куйруктуу келет. Американын узун шыйрактуу койлоруна окшойт. Бул койлордун буттары кыска, туяк аралыгы кең болуп, тоолуу жерлерге багууга ылайык келет. Жай жакшы келген жылдары аябай семирет. Майдын баарын куйругуна жыят. Мен Текес базарынан куйругу жарылып кеткен койлорду көргөмүн. Илгери түрктөр мага, кээ бир малчылар койлорунун семиздигинен куйругуна кичинекей араба жасап койдун куйругун арабага салып коё тургандыгын айткан эле.

Текес өрөөнүндө кыш катуу келген жылдары койлор ошол семиз куйруктары менен кыштан чыгат. Көктөмдө койлордун куйруктары кичиктеп, жукалай түшөт. Жайында кайра калыбына келет. Тоолуктар эт бышырышка аябай кылдат келишет, алардын эт бышырышы узун тарыхка ээ, Темирландын да дайыма эт жей тургандыгын уккамын. Көчмөндөр демейде эт, сүт, данды көп азык кылышат.

Койдун бардык жери керектүү

Көчмөндөр жаздын күндөрү этти боз үйдүн сыртындагы кемегелерге бышырышат. Биз Алабектин үйүнө барганыбызда бир топ малайлар бар экен. Алар койдун этин бышырып, баш-шыйрагын куйкалап, өпкө-ичегисин куюп, терисин ашатып, бир жерин да бошко кетирбеди. Тамак даяр болгондо биз үйгө кирип, уй мүйүз тартып отурдук. Сайжанбек менен мен ортодо отурдук. Мүрүсүнө сүргү артып алган жаш бала бир колунда чөөгүн, бир колунда чылапчын көтөрүп колго суу куйду. Биз колдорубузду жууп, сүлгүгө сүрттүк. Алабек бир чоң чара менен эт алып келди. Дасторкон үстүндө этти каалаган адам, каалаганча алып жешке болбойт экен. Баш Сайжанбекке тартылганда, ал башты мага карай жылдырып, менин алуумду өтүндү. Мен башты бир кесип жеп, Сайжанбекке бердим. Ал баштын эки кулагын кесип алды да, малай жигитке: «Муну аксакалга алып бар» – деди. Бектер бычактарын алып, үч киши бир табактан болуп, этти майда туурай баштады. Эт тууралып бүткөндө, узун түркчө сайма сүлгүнү тизебизге жая коюп ар бирибиз бирден чай чыныны кармап, сорпо «чык» менен аралаштырылган этти жей баштадык, түркү элдеринде тамак жеген кезде сүйлөгөндү абдан жаман көрөт экен. Ошентип, этти унчукпай жей бердик. Алабек демейдеги Алабекке окшобойт. Бүт ынтызынты менен этти сугунуп жатты. Отургандар эт желип болгондон кийин, сөөктөрдү мүлжүшкө кирип кетишти. Кээлери жиликтерди тарсылдатып чагып жатса, кээлери чучуктарын «шуртулдатып» соруп жатышат. Балдар менен аялдар өздөрүнө тийген устукандарын жогоркудай аракеттерде мүлжүп жатышты. Иттер болсо талаада сөөк талашып жүрүшөт. Мындай карасаң бир музыка оркестриндей көрүнөт. Эң соңунда чөгүн көтөргөн бала баштагыдай суу куя баштады, кол жуулуп болгондон кийин, кол көтөрдүк да бата кылдык. Ошентип, биз ат минип, улак тартып, меймандардын кызыгына батып жүрө бердик, кээ кездерде мен Сайжанбек, Якупбек, Фубиңий – төртөөбүз жалгыз калаар элек.

Келиндин калыңы

Кыргыз, казактар марк боло айтканда кыздардын эки жактын келишими боюнча калың төлөшөт. Бул нечен жүз жылдын алдында марк боло келген кездерден тартып ушундай салттар болсо керек. Байлар келин алса, көптөгөн калың мал берет. Кембагалдар бир кара же тапканын берет. Бул жергеде бааны мал менен өлчөйт. Аны «кара», «жандык» деп аташат, бир кара – бир ат же бир уй; жандык – кой-эчки болот. Адатта байдын кыздары кырк кара, миң жандык калыңга татыктуу болот экен.

Алабек үй ээсинин чачын майда өргөн он үч жашар кызын көрсөтүп, «бул кыздын калыңы 20 кара, 100 жандык» – деди. Ал дагы суу көтөрүп келе жаткан малай кызды көрсөтүп туруп «бул кыздын калыңы 16 жандык, анын калыңын бир малай жигит ар жылы эки койдон төлөп жүрөт, жакында күйөөгө узайт» – деди. Кыздын жанына басып барып: «Күйөөгө качан жөнөйсүң» – деди. Кыз жооп кайтарбай эле ак үйдүн аркасына чуркап барып далдаланып алды, анда жанында турган малай аял тамашалап: «Дагы сегиз кой кем» – деди. Мен ал кызга ала келген кемпитимден бердим. Ал араң эле сегиз жашта экен. Бул өрөөндө кыздар он жаштан ашса эле, күйөөгө чыга берет экен. Мен Кулжадагы кезимде бир карыган молдо кишинин уулуна он койго 11 жаштагы келин алгандыгын, келин күндө ыйлай бергендиктен атасыныкына жеткизип салгандыгын, он койду кайра кайтарып бербегендигин, ошентип ал он кой зыян тарткандыгын айтып берген.

Бул жердин эли жайлоого чыгышты аябай жакшы көрүшөт. Ар күнү саар туруп карасаң, топ-топ боз үйлөрдүн көбөйүп калгандыгын көрөсүң. Биз ар күнү аттан түшпөй эл аралап жүрдүк. Көбүнчө аттуу-баштуу, оозго илинген малчылар менен учураштык. Алар Сайжанбекке көп суроолор менен кайрылат. Сайжанбек окуган маданияттуу киши эле. Ошонусунан эл ага аябай ынанышып жүргөндүгүн байкадым. Алар Сайжанбекке: «Азыр Кулжага кой сата турган мезгил келдиби? Азыр жаңы өкүмөт туруктуубу? Келер жылы бажы өсөбү кандай?» – дегенге окшош суроолорду жаадырчу. Бирок андан жатыркап, ийменип кетпечү.

Мен Сайжанбектин үйүнө барганымда, малай жигит бир катты берди. Шамдын жарыгында катты окуй баштадым. Катты Кулжадагы татар досум жазган экен. Дагы бир Россия консулунан келген кат бар экен. Бул жергеде беш ай турганымдан кийин анан кайтып уруксат алган элем. Катта эртесинен баштап Россия чегине өтүүмө боло тургандыгы жазылган. Мен кечкурун оттун жанында одеялга оронуп жатып, Текес жөнүндө ойго кеттим. Мага Текес турмушу бир тең болсо, дүйнөнүн башка жеринин турмушу бир тең болду. Ал тургай Россия, Иран, Полчстан, Индостан, Шаңхай, Токио сыяктуу жерлерге тең кылгым келбеди. Себеби ал жерлер бүтүндөй жасалгаланган болуп, мен үчүн кызыгарлуу эместей, тек гана Текес өрөөнү гана табигый бейиштей элестей берди.

Англисчеден которгон Болот АБДЫБЕК.

Кыргыз адабий тилине келтирип, басмага даярдаган Насирулла Yрүстөм.

                                          Ж.МУКАМБАЕВ

ПАМИРДЕГИ КЫРГЫЗДАР

Памир – Тоолуу-Бадахшан деп аталган дүйнөдөгү бийик өлкөнүн төбөсүндө жаткан жер. Жергиликтүү кыргыздар бул чөлкөмдү Памыл деп да коюшат. Баарынан да ошол атоонун – VI к. (629–645-жыл аралыгы) жолукканы кызык. Мындан 1300 жыл илгери буддалык Суан-Цзан деген (ал Индияга барып, андан Кабул тарапка келип, андан Гиндикушка, Гиндикуштан Памирге өткөн) бир саякатчы ушул Бадахшанды аралап өтүп, анда П А М И Л О деген аймак бар экенин эскерет. Ал минтип жазат: «Бул жерде коркунучтуу борошо болуп, суук шамал согуп турат. Кар кышында да, жайында да жаайт. Жердин кыртышы майда шагылдуу келип, шору көп болот. Эч кандай эгин, эч кандай жемиш өспөйт. (Сөз Памирдин чыгыш тарабы жөнүндө бара жатат – Ж.М.) Бүт айлана ач талаа. Адамдардын жашагандыгы байкалбайт…»

Ошол Памир физико-географиялык-экономикалык абалы боюнча Чыгыш-Памир, Батыш-Памир деп экиге бөлүнөт. Анын чыгышында кыргыздар жашайт. Кыргыз айылдары деңиз деңгээлинен 4000 м.ден ашуун бийиктиктеги жайлардан орун алып, жайдын күндөрү андан да бийик, абасы суюк, суугу катуу, көп учурда такыр жерлерге «жайлоолоп» чыгып кетишет. Алар жашаган айылдардан бак-дарак, жайкалган эгин талааларын көрө албайсыз. Жерлери тоолуу, кышкы суугу абдан азаптуу.

Ошентип, Памир деген географиялык атоо XI к. Памило түрүндө учураган. Мунун Фамир деген түрдө аталышын Эдриси аттуу саякатчынын эмгегинен жолуктурууга болорун башка окумуштуулар белгилеген.

XIII к. (1271-ж.) ушул тарапты аралап, тарткан жүгү, таткан тузу, илим үчүн кылган эмгеги элдин эсинен чыкпай келаткан Марко Полонун жазганына карасак, анда бул жер азыркыча эле Памир деп аталганын учуратабыз. Ошентип, дүйнөнүн бул чокусу он үч кылымдан бери

«Памир, Памыл, Фамир, Памило» деген ат менен белгилүү экендиги ачык (Марко Поло Афганстандан Памирге, Памирден Алайга өткөн).

Марко Поло минтип жазыптыр: «Эки тоонун арасында… айбан аттуулар көп, айрыкча килейген аркарлар жыш. Алар укмуштай чоң келип, мүйүздөрү каркайып, жоондугу үч-төрт, ал турсун алты сөөмгө чейин жетет экен. Малчылар ал мүйүздөрдөн өздөрү үчүн күрөк, кашык, тамак жана суу куюучу идиш жасап алышат. Бөрүдөн малын коргоо үчүн ошол мүйүздөрдөн тосмо, короо жасашат. Бөрүлөр көп учурларда койлорду да, аркарларды да кырып таштайт. Ээн талааларда жол белгиси катары үйүлүп коюлган аркарлардын сөөктөрү менен мүйүздөрү арбын. Кышында, кар калың жааганда ошол белгилерди боолголоп, адамдар жолго чыгышат. Он эки күн бою келе жаткан жерибиз Памир деп аталат. Андан бир үйдү да көрө албадык. Тамак-ашты жанга ала жүрүү керек. Бул жер бийик жана суук болгондуктан, учуп келген канаттуу көрүнбөйт. Ал турсун от да башка жерлердегидей жалындап күйө албайт» (Марко Полонун «Китеп» деген эмгеги 1956-ж. Москвада кайра басылып чыккан).

Памир байыртадан бери эле ушундай аталып келе жатабы, же башкача аталган бекен деген суроо туулат. Тарыхчылардын, мисалы, Птоломейдин жазганына караганда, бул жер Комед деген ат менен белгилүү болгон дешет.

1603-жылы Памирди Бенедикт Гозс деген монах адам да аралап өткөн.

Кыргыз тилинде «памир» деген сөз өзүнчө айтылбайт, кезикпейт, анан ал сөз жер аты катары Памирден башка эч бир аймакта жолукпайт. Бул кандай түшүнүктөгү сөз болду экен деген ой туулушу мүмкүн. Ага жооп берүү үчүн бул жерге бир кезде бороон-чапкындарды аралап өтүп, жол тоскоолдорун жеңип келген адамдардын ошол сөз жөнүндөгү ойлорун кайталап айталы. Мисалы, Вуд жана Гордон деген адамдар бул сөз перси тилиндеги «БАМИ дүнйа – дүйнөнүн чокусу» деген түшүнүктөгү кептен улам калса керек деп болжолдошкон. Бул ойдун чын-төгүнүн кийин эч ким деле ажыраткан жок. Кайра тескерисинче, бул түшүндүрүү ушул күнгө чейин орун алууда. Башка бир саякатчы (Д. Л. Иванов) ал атты ошол эле Памирде жашаган тажиктердин тилиндеги «Боми-Болё – чокулуу капкак» деген сөздөн чыккан болсо керек деп болжолдогон. Айтор, эмнеси болсо да, бул ат «эң бийик чокулуу жер», «асмандын эле асты», «дүйнөдөгү жердин төбөсү» деген элдик түшүнүктөгү сөздөн улам келип чыкканы сезилет.

Дегинкисин, байыркы саякатчылар Памирди «дүйнө нүн чокусу» деп билишкен. Инди-перси тилиндеги байыркы уламыштарда айтылган арий тукумдарын так ушул жерден чачырап чыгышкан деп эсептешкен. Памирдин жаратылышынын өзгөчөлүгү жана катаалдыгы аны байыркы кездеги мистикалык кызыктарга чулгап келген. Географиялык жактан алганда, чынында эле Памир Азиядагы Тянь-Шань, Гиндикуш, Куньлунь, Каракорум, Гималай тоо кыркаларынын ортосунда жаткан абдан бийик тоо түйүнү экени белгилүү. Анын бийиктиги, катаалдыгы, ээндиги, бардык тарабынан зоолор менен курчалып, муз төрлөр каптап жаткандыгы, Сыр, Аму өңдүү эң ири дайралардын башаты ушул жактан башталышы Памирди байыркы кезде сырдуу өлкөгө айландырганы ачык. Чыгыштагы Зенд-Авест деп аталган уламыштар жыйнагындагы байыркы «кудайлардын» бейиш жери, байыркы маданияттын тараган очогу ушул Памир болсо керек деген ойлорду пайда кылган…

Памир байыркы кезде эле Европа өлкөлөрү менен Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жаткан соода жолу болуп, аны индиялык жана тибеттик далай-далай кербендер аралап өткөн. Ал кездеги соода жолу «Жибек жолу» деп аталып, аны менен Европанын кербенчилери да катташып турган. Дайыма ак селде кийген Памир асманды жөлөп турган алп окшоп, эзелтен бери окумуштуулардын, ал турсун саякатчылар менен согуштук стратегдердин да көңүлүн өзүнө буруп келгендиги маалым.

Мына ушул Памир жолун аралаган илгерки бирин-серин саякатчылар, кербенчилер далай оор күйүткө калып, арманга батып, кулак укпаган, көз көрбөгөн кырсыктарга жолугушкан. Ошондон улам аз-аздан аман калган адамдар Памирдин катаалдыгын, коркунучтуу көрүнүш, бир караса жан бардай, бир караса жан жоктой укмуштуу элестерин көбүртө-жабырта айтышып, анын сырын ого бетер күчөтүшкөн. Алардын айтымында Памир эрме чөл, бороон-чапкын, ажыдаарлар ойногон чоң көлдөрү бар, айбан терилерин кийген жапайы кишилер мекендеген жер болгон. Тынбаган көп согуштар болуп, үрөй учурган көчүүлөр өткөн дешкен. Айтор, адамдын кыялы менен санаасы жеткен укмуштардын баарын ушул Памирге жамап келишкен.

Бул укмуш уламалар изилдегич илимпоздордун бүйрөсүн кызытып, Памирге болгон суктанууларын ого бетер козгогон эле. Ооба, аларды Памирдин бийиктиги, тоо койну, тоо керемети чакырган. Дабанын ашсак, дайрасын көрсөк, кендерин тапсак, табигат көркүн ачсак деп дегдешкен. Бирок дегдөөлөр далай-далай адамдарды өлүмгө учуратып, арманга калтырган. Анткени ал кезде Памирге баруу үчүн азыркы күндөгүдөй самолет кайда? Кадимки асфальт, кара жол кайда? Тынбай жүргөн машина кайда?

Ошенткен менен адамдан ашкан кызыкчыл, максатчыл, умтулгуч жан жок да. Өзгөчө, Памирге XVIII– XIX к.к. окумуштуулардын кызыгуусу ого бетер күчөп, же түндүгүнөн Алайды басып, же түштүгүнөн Пянж дарыясынын боюндагы Зебек деген жерди басып, болбосо анда-санда гана Гиндикушту басып, Борагыл аркылуу («агыл» деген сөз бул жерде биринчиден, «мал короо» деген маани берсе, экинчиден, байыркы кезде «айыл» – деген түшүнүктү да берген. Памирде бул сөз менен келген Кош-Агыл, Борагыл, Үгүзагыл, Ташагыл деген өңдүү ж.б. аттары бар) өтүп келишкен. Бул жерге байыркы кезде саякатчылардын, изилдөөчүлөрдүн ичинен менмин деген ченебеген кайраттуулары, укмуштай суук климатка чыдамдуулары, өтө сабырдуулары гана ал кездеги жапайы крайга эптеп келе алышкан.

XIX к. жетимишинчи жылдарынан кийин мурунку сүр аз-аздап тарап, эми бул жакка келүүчүлөр көбөйүп, экспедициялар жүйүр-жүйүр жөнөтүлө баштайт. Материалдык каражат да, экспедицияга катышуучулардын составы жагынан да шарт башка болуп, жергиликтүү адамдардын изилдөөчү-саякатчыларга мамилелери өзгөрүп, мурунку маанайы пастыктар жоюла баштайт. 1834-ж. Вуд деген адам башкарган экспедиция, анан 1874-ж. (андан 40 жыл өткөн соң) Форсайт деген адам башкарган экспедиция Памирдин батышынан чыгышын көздөй жөнөп, байыркы жол каттоонун маршрутун иликтеп өтүшөт.

Андан мурда 1871-жылы бул жерге мындан бир кылым мурун жашап, орус элинин дүйнөгө белгилүү саякатчысы, изилдөөчүсү болуп калган окумуштуу Алексей Павлович Федченко 27 жашында, ошол кездеги кайнар булак болуп оргуштаган жаштык деми менен бир аз адамдардан турган атчан отрядды баштап алып анын түндүк чет жакаларына биринчи келет. Далай бейпайга түшүп, илим үчүн али ачыла элек дың маселелердин сырын ачуунун алгачкы жолун салат. Муну менен ал илимдеги «Памир ак тагын» жоюуга аракет кылган. Ооба, ал ошол кездеги жолдун узактыгына, татаалдыгына карабай, ага чейин караңгылыктын чүмбөтү жабылып келген Памирдин жүзүн ачууга чоң демилге көтөргөн окумуштуу болгон.

Памир-Алайды кеңири планда изилдөөгө Алексей Павлович Федченко менен анын аялы Ольга Александровна Федченконун тээ бир кездеги «жер түбүн» изил дөөдөгү эмгектери абдан баалуу болгон. Алардын ушул ПамирАлайга жол тартып, эпкини тоону эңшерип кетчүдөй болгон аймагын аңтарып изилдөөлөрү – ал кезде чоң эрдикке жаткан. Аны билбегендер буларды ал кезде «көпөлөкчү адамдар» экен деп таң калган (өздөрү да ушул сөздү эскерип жазышкан)… Булардын таш кучактаган тоо арасына келип, илимди жашоонун туусу катары көрүп иштегендиктерин көп эле жолу жазышты. Аларды биз кайталабайлы. Кайра жандырып отурбайлы. Тек гана алар жасаган иштин негизги натыйжасын бир аз эске сала кетели.

Баарыдан мурда алар ботаникалык, зоологиялык абдан бай коллекцияларды даярдашкан. Кийин Ольга Александровна ошолордун негизинде «Флора Памира» (1903-ж.); «Растения Памира» (1901-ж.) өңдүү ири эмгектерди жазды. Ошондон бери мезгил өз саатын камчылап далай убак өттү. Ошентсе да ал эмгектер бүгүнкү күндө да кызыгуу менен окулат. Александр Павлович Федченко болсо, Памир-Алай тоо системасын изилдеп, ага чейинки А. Гумбольддун Памир-Алай жанар тоо болсо керек, анда Болор деген укмуш тоо бар дегенин күмөнгө чыгарат.

Географ Л. Ф. Костенко 1876-жылы Витгенштейндин экспедициясынын составында Каракөлгө келип, ошол сая кат жөнүндө абдан баалуу маалымат калтырат.

1835-жылы Санкт-Петербургда Осип Сенковскийдин компилятивдик мүнөздөгү жазмалары (ал сапар баяндарын сыпаттап берген), 1843-жылы Гумбольддун «Борбордук Азия» деген китеби, 1849-ж. Платон Чихачевдун обзордук макаласы (ал макала «О исследовании вершин Сыр и Аму дарьи и нагорной площади Памира» деп аталат. «Записки русского географического общества»деген журналдын 1849-ж. № 3 санын караңыздар), 1853-ж. П.Ф.Самариндин «Очерки Бадахшана» деген очерки («Кавказ» № 48, 49, 1853-ж.), К. Риттердин «Землеведения Азии» деген бир нече томдон турган эмгеги (1867, 1869, 1873-ж. чыккан. Түшүндүрмөлөрүн В. В. Григорьев берген) ж.б. эмгектер Памирдин изилденишинде кызык маалыматтарды берет.

1878-жылдары Н. А. Северцов баштаган экспедиция Раңкөл, Алиxор, Булуңкөл, Жашылкөлгө чейин барып Памирдин орфографиясы, геоморфологиясы, фаунасы ж.б. жөнүндө абдан көп маалыматтарды чогулткан. Памир өзүнчө Алайдан айырмаланып, бөлөк тоо кыркаларынын системасын түзөрүн аныкташкан. Ал экспедициянын составындагы Скасси, Руднев, Кушакевич, Скорняков, Кириллов, Козловский, Иванов, Ашурбаев дегендер ботаникага, зоологияга да тиешелүү бай коллекцияларды жыйнашкан. Кийин алар Памир суусуна өтүп барууну көздөшөт. Бирок ага бир ашуу, ал эми Ыстык суусуна жетиш үчүн эки ашуу калганда (Ыстык өзү Сувлув-Ыстык, Курук-Ыстык болуп экиге бөлүнөт) азыктары түгөнүп калып, кайра кайтууга аргасыз болушат.

Эми Николай Алексеевич Северцов жүргүзгөн илимий экспедициянын өзүнө келели. Ал адегенде Баш-Алайга келип, анын географиясы менен таанышат. Кызылсуу, Кызыларт, Катынарт, Талдык, Арчаты деген жерлердин жаратылышын иликтейт. Андан Товмурун деген ашууга чейин барып, Алай талаасын бүтүндөй шыбак менен бетеге, тулаң менен көдөө каптап жатканына таң калат. Товмурун ашуусунун түбүнөн Кызылсуу эки ачага бөлүнөрүн белгилейт. Анан Баш-Алайдан тартып Дарауткоргонго чейин Алайдын фаунасы негизинен бир түрдө болуп кескин айырмаланбасын аныктайт. Дарауткоргондон жогору жакта ушул күнгө чейин чычырканак, караган баскан токой-чер бар. А.Н. Северцов ошол токойлорду да аралап көрүп, Баш-Алайдан бери ушул чекке чейин жан-жаныбар бир түрдө экенин ажыратат. Баш-Алайдын баш жагындагы Катынарт тарапта Арчабулак деген арчалуу жердеги канаттуулар гана Чоңалай менен Памирде тукумдабай турганын белгилейт…

Ошентип, Памирдин тарыхы биздин замандын V кылымына чейин эле грек элинин атактуу тарыхчысы Геродоттун «тарыхый эмгектеринде» жазылган. Андагы кабарлар Индиянын түндүгүндө алтын кумдуу бир жер бар деген уламышка негизделген. Ооба, илгери Памир жөнүндөгү кабарлар илимий адабияттарга улама жолу менен түшүп келгени чындык. Эми болсо окумуштуулар Памирди өздөрү аралап, өздөрү аңтарып-теңтерип көрүп изилдеп, анан ал жөнүндө кең-кесири жазып жатышат. Илгери-илгери ал жерди көбүнчө аса-муса шалдыраткан дервиштер менен көпөстөр аралап өтсө, эми алар жоюлган. Ал жерде азыр илимпоздор, студенттер ж. б. адамдар аралап, баштагы тарыхты башкача көз менен көрүп жазып жүрүшөт.

Байыркы кезде бул жерге келип, кайра элине баргандар өздөрү көргөндөрүнө уккандарын кошуп апыртып, анан ошол апыртууларды фантастикалык элес менен кагаз бетине түшүрүп келишкен. Ооба, анан мезгил өтө берип, тарыхый ситуациялар өзгөрүп, байыркы грек жоокерлеринин ордуна буддалык паломниктердин келгени, андан кийин арабдык баскынчылардын басып өткөнү; кийин европалык көпөстөрдүн жүргөнү, андан соң бухаралык жана кокондук үстөмчүлөрдүн бүлүк салгандары абдан кең-кесири айтылып калган.

1903-жылдары бул тарапка Николай Леопольдович Корженевский (өзү географ болгон) келип орографиялык, гляциологиялык, геологиялык, гидрологиялык жактан Памирди изилдеп, классикалык эмгек жазып, нечен ашууларды, чокуларды, муздуктарды ачып, каталогдорду түзүп, ири иштерди жүргүзгөн.

Кийин бул жерге 1883-жылы составында капитан Д.В.Путята, топограф Н.А. Бендерский, тоо инженери Д.Л.Иванов деген адамдар болгон илимий экспедиция келет. Алар Памирдин көп жерин кыдырып, кийин Дмитрий Львович Ивановдун авторлугу менен «Памир (пуп земли)» деген кең көлөмдөгү жол баяны «Новь» деген журналдын 6-томунун № 23–24-сандарында жарыяланат. Ал баянда автор минтип жазган: «…биз түштүктү карай узай берип, Алай тоо кыркаларын басып өтөрүбүз менен мурда такыр туш болбогон жаңы чөлкөмгө урунабыз. Бул жердин климаты да, абасы да, бийиктиги да, турмушу да, жаратылышы да такыр башкача. Ал жер – Памир деп аталат…» деген абдан туура пикирин калтырган.

Баян менен бирге автор Памирдин турмушун чагылдырган: «Озеро большой Каракуль с северной стороны», «Долина Кызыл-Су или Алая», «Архары», «Река Мургаб», «Ущелье реки Гунта», «Сурки», «Река Аксу вблизь Акбайтала», «Ночлег на малом Каракуле», «Гора МузтагАта», «Перевал Башь-Гумбезь», «Ручей Тогузь-Булакь», «Озеро Яшиль-Куль», «Горская летовка», «Гора Карадунь на Мургабе», «Алтынь-Мазарь», «Серез», «Каратегинская летния сани» деген өңдүү эң кызык, даана ачык тартылган 29 сүрөт берген. Бул сүрөттөр мындан 100 жыл мурун тартылып, ошол кездеги көрүнүштөрдү ачык элестеткени үчүн абдан кызыктуу. Алар өлкөнүн топографиялык жана гипсометрдик (бийиктикти өлчөп, картага түшүрүп, анын планын же профилин берүүчү илим) далилдерди чогултушкан.

1910–1915-ж.ж. аралыгында Памирге археолог, топограф А. Стейн, 1909-ж. географтар Е. Хентингон менен Н.И.Косиненко, 1916-ж. геолог Д.В. Наливкин, 1912-ж. геолог Г.А. Шпилько, 1914-ж. геоморфолог С. Я. Едельштейн, 1912-ж. гидролог Л.А. Молчанов, 1901-ж. ботаниктер

Ф.Н. Алексеенко, А.Я. Дзейвер, 1911-ж. Р.Ю. Рожевиц, 1913-ж. Н. Тутирин, П. Беседин, 1911-ж. топографтар М.Кирхгоф, В. Топорин, 1912-ж. М. Чайкин, 1912-ж. агроном Д. Д. Букинич ж. б. ал турсун, 1916-ж. бул аймакта дүйнөгө аты тараган эң ири окумуштуу ботаник Н.И. Вавилов да болгон.

Совет бийлигине чейинки окумуштуулардын демилгелери жүрөктөн канчалык атырылып чыкса да, көбүнчө жеке мүнөздө болуп келген. Ошондуктан, алардын демилгелери көп учурда көбүк чачып келип ташка урунган түрмөктөй «былч» эткен күндөрү да аз эмес болчу.

Абалдын баары биздин советтик бийликтин учурунда, эркин республикалар бекем союзу курулуп, улуу орус эли ар башка улуттарды түбөлүккө баш коштургандан кийин бүтүндөй өзгөрдү. Советтер Союзунун кубаттуу бирдиктүү күчү гана Памирди пландуу, комплекстүү түрдө изилдөөгө жол салды.

Революцияга чейинки Памир изилдөөлөрүндө көбүнчө Вахан, Рушан, Ишкашим, Язгулем ж. б. жерде жашаган тажик элинин тарыхы, үрп-адаты, турмуш-тиричилиги, тили ж.б. көрүнүштөрү жөнүндө көбүрөөк сөз козголуп келген да, памирлик кыргыздар тууралуу маалыматтар анча кеңири берилген эмес. Ал эми фольклордук жана тилдик кабарларга дзэрлик такыр көңүл бурулбай келген.

1955–56-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университети бул тарапка июль-август айларында атайын фольклордукэкспедициялар уюштурган. Ага мен да катышкан элем. Кийин бул жерде мен өз алдымча жекече да болгомун. Ошондо чогултулган маалыматтар боюнча эми өз бетибизче сүйлөп берели.

* * *

Илгери бул жерде эл 2–8 түтүндөн ашпай, жылга-жылгаларда, кыштоолордо өндүр, өтөк бойлошуп жашашып келсе, алар азыр бир нече совхозго биригип, кадимкидей кыштактарда жашап жатышат. Ырас, илгерки жердин рельефи бүт өзгөрүп кетпесе да, бир замандагы «өлүү» көрүнүш азыр жок. Памирдин ичинде топоз, кой өстүргөн бир нече совхоз уюштурулуп, айылдар кадимкидей азыркы турмуштун илеби менен тең өсүүгө умтулуп жатат. Мейли Мургабда, мейли Каракөлдө, мейли Раңкөлдө же башка жерлерде болсун орто мектептер курулуп, радио түйүндөрү иштеп, айылдар өсүп, коомдук малды өстүрүү үчүн жан таштап иштеген малчыларды көрөбүз. Турмуш жанданып, жолдор оңдолуп, бульдозерлер тынбай иштеп, автомашиналар зуулдап турат. Эми Памир илгеркидей «дүлөй» эмес, анда жандуу турмуштун жандуу кыймылы бир мүнөт тынбай сезилип турат. Байыркы алсыздык, сырдуулук, коркунучтуулук эми алда канча артка сүрүлгөн.

Памир ичи өтө ар түрдүү, жери кең өңдүү, бирок түздүгү аз, тар. Адеп бараткан адам аркарлар менен кулжанын, эчкилер менен текенин, кызыл кийиктердин мекени болгон Алай тоосун тепчий өтүп, Акбосогого жетет. Жолду ката атактуу Ош–Памир жолу менен тынбай жүк тартып, шофер болуп иштегенине 10–20 жыл болгон не бир устат шоферлорго жолугат. Ал турсун биринчи жолу Каттаталдыкка келгенде анын чокусундагы түнкү машиналардын жарыгын алгач көрүп, анан аны «учуп бараткан жылдыз» экен деп, күлкү болгон жаш шоферлорго да кезигет.

Андан Бордөбөгө өтө бергенде бет маңдайдагы чөккөн гигант тоолор бирине бири тизилип, ак селде чалынып, булутту сүзүп тургансып көрүнөт. Ал тоолор коркунучтуу сүр берип, дүлөйлөнүп сүкүт тартып жатат.

Ал жөнүндө топограф Д.Л. Иванов минтип жазыптыр: «Алайдан нары өтө бергендеги түндүк тоолор, алардын тик беттери табигаттын каарын элестетип, чынжырга тизилип калгансып үңүрөйүп жатат. Көк жашыл Алайдын кеңири жайыгында ал оор жүк көтөргөнсүп, түбөлүк кар басып турганы турган. Кээ бир жердеги олчойгон чокулары, пирамида өңдөнгөн шаңдары 21–23 миң фут (бул термин автор колдонгон эски өлчөө единицасы) келген, кай бирде андан да бийик болгон көрүнүшкө ээ. Алайдын аркы бетиндеги бул гигант – өз ийнине Памирдин бүт салмагын көтөрүп тургансып сүрдүү көрүнөт. Табигат өзгөчө жараткан алп өңдөнүп тири укмуш сүр берет…»

Ошондо «көк кашканы» минип баратып (башка машиналар бара албайт) Бордөбөдөгү мурунку посттун кызыл тунукелүү үйлөрүнөн малчылардын кызыл-тазыл кийинген балдарын көрүүгө болот. Алар жолдо бараткан машиналарды көпкө тиктеп, көзү менен узатып коёт. Анан Кызарттын алкымына жетип барып, анын капчыгайына өр тартып сорула берет машина. Ага чейин алкымдын оозундагы, дайранын наркы бетиндеги Суукдара тараптагы боз үйлөрдү, жайылган малдарды, малчыларды көрүп, капырай, ушундай опурталдуу жерлерде бабалар кантип жашап келди экен деген ой келет. Ал турсун ушундай сүрдүү тоонун фонун көрүп, кайра бир чети, атаганат кайран бабалар ай-йе, ушул катаал жерде күн көрүп, ак элечекчен тоо ичинде кайрат менен жашап келген кыйын адамдар экен го деп, сыймыктануусу этимал.

Анан зуулдаган машина Кызылартты өрдөп, оюрмалап отуруп Марканталаага жете келет. Бул жердин сыры да өзүнчө көп. Ал жердин көрүнүшү жөнүндөгү сөздү да адегенде баягы Д. Л. Ивановго берип алалы. Анын эмне дегенин угуп көрөлү: «Мына, аяк астыбызда, төмөн жакта кең ойдуң жатат. Анын түбү көлдүн орду. Ушул жердеги иретсиз уюлгуган тоолор, адыр-бөксөлөр, ойдуң-чөлдөр ач талаанын кейпин берет. Бир жерде да бир бадал, жашыл майсаң же бир айбан, болбосо канаттуу көрүнүп койсочу! Ырылдаган шамалдан башка чыккан эч бир үн да угулбайт» – дейт. Бул чындык. Марканталаа азыр деле ошол кездегидей (эгер машиналардын ары-бери өткөнүн айтпаган болсок).

Марканталаанын туш-тарабы – туюк, эрме чөл. Турмуш бул жерди каргап койгонсуп, өңү бопбоз болуп, байыркы учуучу кескелдирикти же диназаврды элестетип, түсүн үйрүп, чоң батып калгансып, бул чөл абдан коркунучтуу элес берет.

Ушул жерди Д. Л. Иванов «Памирдин дарбазасы» деп атап келип: «…Памирдин дарбазасы биринчи эле кадам шилтегенде шарт ачылып, сүйкүмү жок, ач талаанын, эрме чөлдүн кучагына алып кирет. Бул жердин коркунучу жөнүндө байыртадан бери үрөй учурган укмуштар айтылып келе жатканы белгилүү» – дейт.

Мына ушундай жердеги айылдардын арасы бири-биринен өтө алыс. Селолор сейрек. Совхоздун жерлери бүт тоо.

Марканталаанын таманында сызылып аккан суу бар. Ал Маркансув деп аталат. Ошол эле таманда эч кандай жээги жол, бүт айланасын кум басып, түбү сормо келген тайыз көл да бар. Ага эч кандай деле суу куйбайт. Сыягы, анын суусу тоонун басымы менен кайсы бир катмарлардан сыгылып чыккан булактардан куралса керек.

Деги туш-тарапты караган жанга бул жерлердин оригиналдуу рельефи байыркы-байыркы бир замандардагы муздуктардын эң үрөй учурган «чыгармачылыгынан», «өнөрүнөн» калган из экени даана сезилип турат. Ушул Марканталаадан Уйбулакка чейин далай аралык. Ошол аралык бүт бойдон байыркы бир замандагы муз үйөрлөрүнөн улам агып келген таш корумдарга, кыр-жондорго, дөбөлөргө толгон. Кээ бир жерлери жапыз, адыр, бөксө тоолорго, кай бирлери тоголок бөлтөккө айланып, туштарабы шамалдан улам жылмаланып бүткөн. Деги башка катмарлардан агып келип, жуурулушуп калган агындылар да көп. Чуңкур, ойдуңдардын таманында да ошондой эле аралашма агындар. Айтор түркүн түстө, түркүн келбетте, түркүн көрүнүштө жаткан бул рельефти көргөндө (ошол кейпти көрүп эле байыркы муздуктардын жүргөн багытын, кыймылын, тулкусун баамдоого болчудай) табигаттын сырына, «ойнуна» таң калууга болот. Деги эле Памирдеги топографиялык, орографиялык өзгөчөлүктөрдү баамдаганда байыркы муздуктардын элеси сезимди алкынтып, жанды демеп жиберет.

6–7 миң метрге чейинки бийик аскалуу тоолор Памирди четинен курчап ороп алган. Ич тарабы бөксө тоолуу келет. Памирдин түндүгүндө Заалай, батыш тарабында Каракөл жана Жашылкөл тоо кыркалары бар. Чыгыш тарабын Раңкөл, Музтагата тоо системасы курчаган. Музтагата тоосу таң кала тургандай бийик. Аны көп учурда «Памирдеги эң бийик чокулардын чокусу» деп да аташат.

Чынында, ошондой. Ал тоонун чокусун дайыма ак кар басып, шамал ыркырап, туман, булут чулгап турат. Тоонун кылда чокусу тегерек тартып калдайганы калдайган. Анын жанында берки тоолор, кыр-чокулар бөксө өңдөнүп сезилет. Музтагатанын кышы да кыш, жайы да кыш экени июль-август айларында да кадимкидей сезилет. Анын суугун июль айындагы шамалдын өтмө катардан өтүп, бети-башты каарып, эринди кеберситкенинен билүүгө болот.

Ошол Музтагатанын туу чокусуна альпинист чыгып, колун созсо, жылдызды кармап алчудай сезилет. Ошондо альпинистти кычашкан шамал жеңе албай, ага ого бетер өчөштүк кылып, түтөк экөө биригип, алиги адамдын бутун кыйчалыштатып турганы элестейт. Деги кандай болсо да жарыктык Музтагатанын адамды ичтейинен бери муздатып, шамал ышкыргандан ышкырып, тоонун тозоңун чыгарып, жапырып ийчүдөй ээликкени ээликкен жер…

Мына ушундай жердеги айылдардын арасы бири-биринен өтө алыс. Совхоздун жерлери бүт тоо. Айдоо аянттар жок эсе. Бир совхоз менен бир совхоздун аралыгы 60–150 км. чейин созулат. Илгери бул жердегилер негизинен жалаң гана мал чарба продуктулары менен эптеп оокат кылышкан. Кетмен чабууну, анын «соготосун» (сап кирүүчү тешиги) оңдоону, бир тоо бар – күңгөйүнө кар жаайт, тескейине мөндүр жаайт деп чигит-кебез тазалоону, көк улагым көгөндө жатып семирет деп дарбыз өстүрүүнү; маш, маш (күрүч) болбосо кайдан болсун аш деп шалы багууну… деги дыйканчылыкты такыр билишкен эмес. Азыр деле ал жерде дан багып, дан төгүү үчүн «сүкөн» куруу деген эмне экенин, дандыр жабуу кандай болорун, жаңгактын майын сыгып алып, сүттү атала менен бурдап «калманде» деген тамак жасаларын билишпейт. Аны дыйканчылыктан аян албаганынан эмес, жеринин шарты ошондой болгондугунан билишпейт. Эгин эгилбеген менен бардык продуктулар магазиндерден табылат.

Жергиликтүүлөр мурда айран, быштак, курут, кымыз, этти гана билсе, эми алар жашылчаларды да, мөмө-жемиштерди да, ар кыл таттууларды ж. б. кеңири пайдаланышат. Илгери алар дан үчүн Шугнан, Рушан, Гунт, Ишкашим, Каратегин, Дарбаз ж. б. жерлерге «тентип» барып жүрүшсө, азыр ал эски күндөр унут болгон.

Кокус «гепден» (чечен, сөзмөр) адамдар жолугуп калса, алардын ата-бабалары соода-сатык дегендин эмне экенин билбей, буюм-тайымды же эгинди малга башма-баш айрыбаштап, бышаарына күтүп, бирок чыгарына күтпөй күйүп келгендерин айтып өздөрүнчө күлүп да калышат. Мындан жүз жыл мурун бул жердегилер бирөөгө бир нерсе берсе же алса, же алмашса аларды өлчөө үчүн чүпүрөк же идиш колдонуп, эгер алар болбосо, өз ара соода жүрбөй келгенин эске салып, Д. Л. Иванов бир кызык учурду минтип эске түшүрөт.

«…Май сатып алайын деп калдым. Бухарлык отуз тыйын күмүшүм бар эле. Анын баасы жогору да. Ошого май бер десем беришпеди. Андан көрө бир метр чыт сурашты. Чыт болсо, он төрт эле тыйын турат. Кой сатып алмакчы болдум. Болжосом, акысы 20 сом болчудай. 20 сом берсем, сатканга көнүшпөдү. Баасы 84 тыйындан ашпаган алты метр чыт берсем, «бул тон, чапан болот турбайбы» дешип, койду кармата салышты. Ийне, мончок дегендерди жан көрүп издешет экен. Кокус, мончоктон бир аз эле даанасы болсо, издеп жүргөнүңүздү оңой эле таап аласыз…

Ошентип кой, ун жана эки мүшөк нан сатып алып Сайып Назар деген кыргыз башкарган айылды көздөй барууга шашып калдым, анткени ал жерден экспедициянын башка адамдары болуп өз ара жолугушмак эле…»

Илгери бул жердеги адамдар абдан жарды жашап келишкен. Үй буюмдарды, кийим-кечек ж. б. нерселерди Ош, Анжиян же Вахан, Ишкашим ж. б. жерлерден алып турушкан. Соодагерлер: ээр, така, идиш-аяк, кийим (мисалы: «чоңкоймо» деген өтүктүн түрүн; «илазим» аттуу ич кийим; «кепеки» делген таш таман, аялдардын «дарайи» кийими ж. б. даңкан (тулга сыяктуу буюм), солоңдор (куюшкандын кайышына чөгөрүлчү кооздук), жем челек (жыгач идиштин бир түрү) ж. б. буюмдарды жергиликтүү адамдарга өткөрүп, алардан тирүү мал, тери, жүн, май, кийиз, кап, («кой кап» – алты пуд дан батчу кап, «токту кап» – үч пуд дан батчу кап, «тай кап» – тогуз-он пуд дан батчу кап) ж. б. алып келишкен.

Жергиликтүүлөр териден, жүндөн, мүйүздөн ар түрдүү буюм жасашкан. Аңчылык-мергенчилик абдан өнүгүп келген. Аркар-кулжанын терисин ашатып, анан жупжука болгуча аябай ийлеп, ак жоолук даярдашкан да, кыз берип же келин алганда ошону салышкан. Аны «жупай» же «ак жупай» деп аташкан.

Памирдин ички бөксөлөрү 4–5 миң метр бийиктикке, чейин көтөрүлүп, талаа кейпине ээ болуп, суулары жылга же капчыгайды аралап, анан улам төмөн карай ага берет. Ошондой жерлерде аң-кийиктери көп болот. Ал турсун туш-тарабы шаңкайган зоокалар менен курчалган сүрдүү жерлерин аралаганда аркар-кулжалардын 200–500дөн жүргөн учурларын көрүүгө болот дешет. Ошондой учурларды окумуштуулар Н. А. Северцов менен Л. Д. Иванов ж. б. угуп да, көрүп да кийин ага таң калышкан экен.

Ошентип, Памирди канчалык «жылаңач тоо», «жылаңач жер» дешкени менен бирде өйдө, бирде ылдый эңиштеген Кызыларт, Марканталаа, Уйбулак, Каракөл, Музкөл, Раңкөл, Аличор ж. б. жерлеринде аң деген мурда абдан эле арбын жолукчу экен. Ал эми бадал, кырчын, караган өскөн тиги Мадиян, Жашылкөл, Аксуу тарапта аң-айбандар, канаттуулар, илбээсиндер мурда «укмуш эле жыш кезикчү» дешет.

Мына ошол жыштык Памирдин катаал шартында флора менен фаунанын «жармач» өңдөнгөнүнө карабай мергенчилик күчтүү өнүгүшүнө себепкер болуп келген. Бул жакта коён, эчки-теке, аркар-кулжа, кызыл кийик ж. б. көп болгондуктан, айрым мергенчилер топ-тобу менен атып, айрым учурда майда айылдарды баккан да экен. Мергенчилер өтөктөгү мал кыгына көмүр, шор, суу кошуп ийлеп, «шоро» деген ок-дарысын жасашып, аны мергенчиликте колдонуп келишкен.

Бул жерде Д. Л. Ивановдун Памирдеги балыкчылык, аңчылык кылган иштер жөнүндө жазгандарын эске салуу жөндүү. Ал мындай дейт:

«Ушул жерден (Аличордон – Ж.М.) кыйла мергенчилик кылып, азыгыбызды көбөйтүп алдык. Балык кармадык. Аличордогу көчмөндөрдөн кой, ак-сак тамактарын алып жүрдүк.

Балык кармай турган атайын аспаптарыбыз деле жок эле. Ошентсе да, балык улашыбыз ийги болуп жатты. Кой балык, сүт балык, кара жон, лаан дегендер болот экен. Ийне сымал зымдарды ийип, кайырмак жасап алганбыз.

Ошого эле балыктар үстөккө-босток илинип жатты. Жанымдагы орус-казактар кичинекей бөгөт, тосмо жасай коюшуп, жалаң колу же көйнөктөрү менен жыйырма отуздан улам-улам жээкке балык ыргытып жатышты. Балыкты ошончо көп кармаган экенбиз, отко, күнгө кактап, чала-була сүрсүтө салып, консерва кылууга да өттүк.

Бирок ал азыгыбызды кийин бат эле мойсоп бүтүрдүк…» Д. Л. Ивановдун бул аңгемеси азыр да калетсиз чындык.

Жергиликтүү кыргыздар балыкты суунун ээси деп ыйык көрүшөрүн, ошондон улам аны кармашпасын, кармашмак турсун кармаган адамдарды жактыра беришпесин айтышат.

Памирдин көлдөрүнө аңырлар да көп болот экен. Бул канаттуу ай аягында кадимкидей айыз көрүп, кийин жумуртка басып, балапандары чоңойгондо анысы токтойт дешти. Айызы келгенде жергиликтүүлөр аны атпайт дешет. Балапандары чоңойгондо гана атып жесе, эти адамга жагат деп ойлошот экен. Анын легендасы да кызык:

Бир кезде аңыр адам тукумунан болуп, тул катындан көсөө коркот деп ойлогон бекен: «Ак бала-ак бала, ак бешикке жат бала; ак бала-ак бала, комузуңду как бала» – деп барып, бир кичине балага кол салып, табигаттын каарына калган имиш. Ошондон ал аңкылдап аңыр болуп кетиптир. Айыз көргөнү да ушундан улам экен дешет… Мына ошол аңыр балапан чыгарган кезде абдан баёо тартып, окко көп учат экен.

Көлдөрдө каз да көп. Каз балапандары кеч жетилип, кеч учат. Ошол аралыкта чоңдору түлөп да алат. Кичине көлгө тукумдаган каздар ургундай окко калчу экен мурда. Быткыл менен саздак жерлерге уялаган аңыр балапандарын оңой эле кармап алууга болот экен.

Бул өңдүү деталдарды Д. Л. Иванов Памирдеги мергенчиликтин мүнөзүн көрсөтүү үчүн гана эмес, алар кантип өздөрүн алаксытып, кантип азык таап, оокат кылгандыктарын баяндоо үчүн да көрсөткөн. Албетте, аңчылыктын бул түрү канаттуулар кайткыча, кеч күз башталгыча гана болгон. Канаттуулар кеткенден кийин оңой оокат кыйындап, жазга чыгуу оордогон. Аңчылык да оор эмгекке көнгөн, адис адамдын иши болуп келген.

Совет бийлиги орногонго чейин памирлик кыргыздардын арасында да эзелки уруучулдук-феодалдык мамилелер өкүм сүрүп, эл оор азаптарды көрүп, оор турмушту баштарынан өткөрүп келишкен. Алар бирде бухаралык бийликтин кысымын көрсө, бирде кокондук бийликтин кысымын көрүшкөн. Бадахшандык бийликтин оор эзүүсүн да баштарынан өткөрүшкөн.

XIX к. орто ченинен тартып, бул тарапка орус элинин алдыңкы өкүлдөрү келип, илимий иштерди жүргүзө башташат. Алар менен жергиликтүү кыргыздар жакшы мамиле түзүп жакындашат. Ошондой учурдун бири жөнүндө Д.Л. Иванов мындай дейт:

«…Түбүндө бул жердин эли (памирлик кыргыздар – Ж.М.) орустарга ак көңүлдүүлүк менен мамиле кылышат. Алар алайлык тууган кыргыздар аркылуу жана Северцовдун экспедициясынан кийин бизге болгон мамилеси жакшы. Бизге өзүнчө үй тигип, кой союп меймандашты. Мен үй ээсине ала чапан менен топу кийгиздим. Мамилебиз айтпагандай сонун болду. Анын үстүнө арабызга эстүү жол баштаар киши кошулду. Саякатчы үчүн мындай адамдын болушу эки көз тилегендей эле иш…»

Памирлик кыргыздар мындан жүз жыл мурда азыркы кездегидей жеңил машина минип, жасалгалуу там үйлөрдө жашашкан эмес. Кийимге да, тамак-ашка да жетишпей келген. Боз үйдө өмүр сүрүшүп, түндүк жабууларын («түндүйөвүн») кырк курак кылып келишкен. Минген жылкынын кулагына кайчы эн салышып, жасаган кийиздерине, «ылбырай» оюу түшүрүшкөн. «Жээн келгиче, жети бөрү келсин», «Жээн эл болбойт, желки таз болбойт» – деп, таяке-жээндердин ыркы кеткен талаштары басылбай турган. Кембагалдар ар кыл кордуктарды көрүп: «Кембагалдын бир эшиги ачык болсо да, бир эшиги жабык» – деп жашашкан.

Ошол турмушту көргөн Д.Л. Иванов: «Бул жердеги кыргыздардын турмушу башка жерлердеги кыргыздардыкынан деле эч айырмасы жок. Тескерисинче, алардын жардылыгы адамды таң калтырат. Аларга туш-тараптан кысым болуп, азап-ызалык деген үйүлүп кеткен. Ал эле эмес табигат да аларды аябай ызалайт. Жети айлык кыш, суук шамал деген алардын жилкинин түгөтөт. Абдан катуу эмгек жана жолго коюлган чарбаң болбосо, бул жерде жашоо кыйын. Антейин дешсе, Памирдин шарты буга жол бербейт. Бул айылда малдын кышкы короолору, даярдалган чөп, там үйлөр жок. Сыягы, аларды кура алышпаса керек.

Адамдар дайыма суукка урунуп, көздөрү жыртайып, тиштери түшүп, бүйлөлөрү ириңдеп жүрөт. Жайында эриндери жарылып, болор-болбос малы менен, эч кандай кол өнөрчүлүгү жок, жада калса мине турган атын Фергана тараптан сатып алышат. Кийимдери жүдөө, ичкендери көбүнчө дайыма ак. Жакында талоонго түшүп, барымтага кириптер болушуп, топоздору кырылыптыр. Башка жерлерден көргөн көчмөн кыргыздардын турмуш шарты бул жерде жок экен.

Малы жок көчмөн кыргызга, дайыма тиши ириңдеп ноюп жүргөн адамга ушундай суук жерде жүрүп жашоодон көрөр кызык эмне болду экен? Эчтеке. Барып турган жардылык ушул жерде. Анан эчтекени капарга албаган жалкоолук да бар. Кез-кезде барымта да боло калат. Келгин бирөөлөр болсо, ошондон көбүрөөк нерсе ала качып-жула качып калсак дешет. Булардын бул жердеги айласыз турмушу өмүрдүн пародиясы сыяктуу сезилет…» – деп жазган.

Андан ары түз жердеги илгерки байлардын турмушу менен памирлик кедейлердин турмушун өз ара салыштырып, Д.Л. Иванов дагы мындай деген: «…Түз жердеги байлардын турмушуна караганда памирлик кыргыздардын турмушу өзүнчө эле бир ирония өңдөнөт. Байларда кымыз деген мол, короо-короо койлору бар, жүн деген батпайт, оймолуу кооз кийиз, килем, жабуу, чий деген жетээрлик. Боз үйлөрү жасалгалуу, жүгөн-ээрлери күмүштөлгөн. Кийгендери саймалуу кооз шалбар. Кыздарын көрсөң кыпкызыл анардай болуп бетинен каны таамп турат. Кызыл гүлгө оронуп алгансып, дайыма кызыл кийишет. Алтын, күмүш сөйкө тагынышат. Миңдеген байге коюшуп ат чабышат. Жүздөгөн чакырым жерлерден аңчылар келип, уу уулашат. Айттарда укмуш жасанып кийинишет. Көчкөндө эмне кооз буюмдары болсо, көзгө көргөзүп сыймыктанып көчүшөт. Малдары көп болуп, шаарлык кол өнөрчүлөр менен жер иштеткен дыйкандардан каалагандарын ала алышат.

Ал эми памирлик кыргыздарчы? Памирлик кыргыздар болор-болбос оокаты үчүн бул тарапка келип калган бирин-серин соодагер болсо ар нерсени үч эселеген кымбат баа менен алмашып алышат. Кээде барымта кылышат. Айрымдары кенедей эле бирдемени экилентип төлөө үчүн карыз алышкан… Кыргыздар үчүн кыш алдында аз болсо да ун же дан аралашкан тамак даярдап алуунун өзү абдан кымбат болгон…» Илгерки болор-болбос өп-чап турмуш, жардылык эми жоюлган. Бул жерде социалисттик эркин турмуштан улам илгерки азап-ызалык дегенди эми эч кимиси билишпейт. Ырас, табигаттын катаал шарты баягыдай эле. Эми деле жети ай кыш, суук шамал болуп турат. Бирок мындан жүз жыл мурункудай жилкин куруу деген болбойт. Эл социалисттик эмгек кылуунун шартын өздөштүрүп, чарба жагынан алда канча жогорулаган. Жашоо эми түп-тамырынан бери өзгөрүп оңолгон, чыңалган. Малдар үчүн короо жайлар курулуп, адамдар азыркы шарттагы там үйлөрдө жашашып, тоют даярдоо деген күч алган. Мурдагы «накустөлүк» (кежирлик, өжөрлүк) жоюлуп, «сынышкан» күндөр артта калган. «Энелүү жетим – эркин, аталуу жетим – азгын» дешкен балалык кордошуулар азыр катуу айыпталат.

Медициналык жактан тейлөө күчөп, көздүн жыртаюулары, тиш түшүп бүйлөлөрдүн ириңдеши, эриндин жарылышы эми кыскарган. Эл оокаттуу болгон. Мурда көзөө деген карапа идишти таберик кылып келишсе, эми белекке азыркы буюмдарды беришет. Илгери жаштар эч өнөргө ээ боло алышпаса, эми алар: врач, мугалим, шофёр, бульдозерист, журналист, илимпоз….

Илгери алар атты Ферганадан араң сатып алып минишсе, же топоз менен төөнү улоо катары колдонушса, азыр мингендери жеңил машина, мотоцикл, урунгандары жүк ташыгыч машиналар.

Кийим жагынан илгерки жүдөөлүк жок. Үй ичинде килем-килче, азыркы мебелдер. Илгери жарды адамдын бар «олийнасы» (максаты) бир кебе козу болсо, эми ар бир адамдын байлыгы орто билим. Барымтаны азыркы жаштардын эч кимиси билишпейт, көрүшкөн да эмес. Илгерки жут да жок. Көчмөн турмуш жоюлган. Байыркы жалкоолук эмгекчилдик менен алмашкан. Орус эли менен болгон бир туугандык терең тамыр байлап, интернационалдык тарбия күч алган.

Ал кездеги жалпы билимсиздик азыр билимдүүлүккө өткөн. Ал кезде адамдар араң эле «умачка» жетишип, бар болгону «жовган» (айран катыкталбаган тамак), «мытан» (тузсуз даярдалган тамак) болсо, азыр азыркы кулинариянын оокаттары тараган. Ал кезде «далиташ, түкүн» ойношсо, эми шахмат, шашка ж. б. спорттук оюндар ойнолот. Ал кезде балдардын көбү «жалаңпут» (жылаңайлак) жүрсө, эми саал бир азга да коңултак бут кийим кийген бирөөнү көрбөйбүз. Ал кезде өтө зынар» (зарыл) болуп табылбаган буюмдар бүгүн магазинде «гала-гала» (топ-топ) болуп турат. Алиги «аттай түшсө йэм эгерден түшпөс» деген кыжаалаттык жоюлган.

Памирлик кыргыздарда мурунтадан орун алган этнографиялык кыйла өзгөчөлүктөр бар. Бул тарапта да: «ордо, оодарыш, эңиш, ак сөөлмөк (ак чөлмөк), ат чабыш, улак тартуу, күрөш, кен (чүкө ойну), сасынды (жыдымай), жедирмек, өкчөмөк, хан талан (канталамай), жашырмак (жашынмак), дүмкалтек (дүмпүлдөк), кепе жыгылды (кепе тикти) (он чакты баланын ичинен бирөө төрт аяктап туруп, калгандары анын жонуна ыргып келип секирип минип, жыгылып же ооп калса, жыдып ойногон оюн), он эки тапан (чүкөнү учура атып ойноо) ж. б. оюндар болуп келген.

Кай бир оюндардын ойнолушунда айырмалар да кезигет. Алсак, ордо оюну эки түрдүү ойнолот. Кандайдыр бир байге сайылып ойнолсо, ал «мелдеш» деп аталат да, эч нерсе сайылбай жөн эле кызыкчылык үчүн ойнолсо, ал «бор» же «борок» деп аталат. Башка региондордо учурабай турган жергиликтуү оюндар да бар. Мисалы, аталаваш, таар ж. б.

Аталаваш ойну азыр такыр ойнолбойт, бирок ал илгери тойлордо болуп келген. Он эки карыш келген казанга төрт эли бөксө суу куюп, ага ун чалып, түбүнө илгерки теңгени таштап, анан каалаган киши чечинип коюп, анын түбүндөгү тыйынды тиштеп алып чыгып, белгиленген байгени алган. Бирок бул оюн мазмуну боюнча одоно келип, бир топ менен экинчи топтун ортосундагы каршылыкты, шылдыңды күчөткөн оюн болгондуктан, азыркы турмуштан биротоло сүрүлгөн.

Таар деген оюнда саканы эки тамандан алыс ыргыта аткан киши утушка ээ болгон. Бул оюнда кол манчаларынын, айрыкча, бармак-сөөмөй, каруунун кыймылы көп талап кылынып, жаш баланы мээлегичтикке, таамай аткычтыкка үйрөткөн. Эми этнографиялык кээ бир өзгөчөлүктөрү жөнүндө кененирээк сөз.

Бул жерде көк бөрүлөр аш-тойлордо тартылат. Көкбөрү деп түндүк райондордогудай 20–30 кг келген улакты тартышпастан, 60–70 кг келген торпокту союп, баш-шыйрагын, өпкө-боорун, ич этин алып салып кайра тигип, анан ошону тартышат. Тартаар алдында ат жана жигиттер тандалат. Көк бөрү тартуу үч этапка бөлүнөт: тегеретмей, чубатмай, алды-кетти.

Тегеретмей. Адегенде айыл аксакалдары дөң жерге (Ал «патта» деп аталат) чогулуп келип, алдыга кийиз салып, же жөн эле көк майсаңга мандаш токунуп отурушат. Өткөн-кеткен кептер салынат, Алалы, топоздун мурдуна өткөрүлгөн наштан тартып, оттогу олоймонго чейин (кычкач) сүйлөшөт. Олокту азилдеп, олбоору кыйын ылаачынды кеп кылышат. Кадырлуу аксакалдын колунда байге, белек кылып бере турган майда сый буюмдар (көлөч, маасы, кол жоолук, бычак, тарак ж. б.) болот. Улакка чыгуучу аттардын таманын, бүткөн боюн кызытып дүүлүктүрүш үчүн ошол дөңдү айлантып, адегенде чубатмага кошулбай турган жөн адамдар эле улакты акырындап тартып киришет. Ким көк бөрүнү алып келип, карыялардын астына («паттага») ташташса, ошого соорун берилет. Кокус, тегеретменин учурунда алыстан мейман барып калса, ага аттын жакшысын, зорун, күчтүүсүн мингизип, 60–70 кг. торпокту өңөртөт да, оюн башчысы эч кимге талаттырбай туруп дөңдү айлантат да, анан карыялардын алдына жылоодон жетелеп келет. Карыялар «бали-бали» дешип, тиешелүү сыйды берет.

«Тегеретме», болжолу 1–1,5 саатка созулат. Анан чубатмай башталат.

Чубатмай. Чубатмайда анык мыкты аттар, мыкты чабандестер бөлүнүп чыгат. Алар эки топко бөлүнөт. Ал топтор «араан» же «жаат» деп аталат. Көк бөрүгө кошулчу аттар да өз-өзүнчө үйрөтүлүп тапталат. Алардын ичиндеги абдан жоон-жолпу күчтүүсү топ бузаар болот. Топ бузаар ат үймөлөктөшкөндөргө тике качырып келип бир тиет. Ошондо топ бөлүнө калат. Чабандес улакты шап илет да, экинчи «алып качаар» атчанга берет. Алып качаардын аты күлүк болот. Ал колуна көк бөрү тиери менен «чу» коёт. Өз жаатындагылар аны жандап чабышат. Беркилер жетип талашат. Ошентип жатып, кимдин аты, кимдин билеги күчтүү болсо, көк бөрүнү ошол алып чыгат. Кээде бири-бирине жардам бербей ар ким өз алдынча да тартат. Чубатмайда көк бөрүнү жулуп чыккандар үчүн чоң соорун берилет. Кой койгону кой, пул койгону пул, килем койгону килем, же андан да чоң соорун чыгарат.

Алды-кетти. Чубатмай бир нече жолу кайталанып, күн кечтеп калган кезде жалпы аламан болот. Буга атына ишенгендердин баары катышат. Мында да кимдин аты күлүк, күчтүү болсо, ошол алып чыгат. Кимдин үйүнө көк бөрү түшсө, ал үй ээси беркилерге тиешелүү «жолдук» берет. Ошентип, бир күн бою керели-кечке көк бөрү тартылып, оюн кечинде гана бүтөт. Оюн ызы-чуу, күү-шаа менен жандуу өтөт.

Ушул көк бөрү тартууну Д. Л. Иванов да мындай деп жазыптыр: «Көк бөрү – кыргыз атчандарынын олимпиадалык оюну. Алар бир-биринен көк бөрүнүн тулкусун жулкуп тартышат. Ким ошол тулкуну жулуп алып, эч кимге тарттырбай болжогон жерге алып келип таштаса, ошол адам жеңген болуп эсептелет».

Бул жердеги көк бөрү тартуунун бир өзгөчөлүгү – деңиз деңгээлинен 4000–5000 м. бийиктикте, башка адамдар түтөгүп жөө баса албай турган жерлерде, жергиликтүү чабандестердин керээли-кечке түтөкпөй, күйүкпөй, жыгылып калбай каруу-күчтөн талбай оор торпокту тарта бергендигинде.

Д. Л. Иванов (Д. В. Путяти, И. Бендарский болуп ошол кезде Памирди тоо инженерлик аспектиде изилдеп, кызык материалдар чогулткандыктары үчүн орус географиял ык коомунун баалуу сыйлыгын алууга татыктуу болушкан) 1883-жылы Раңкөлгө келгенде ит агытып, куш салуу бар экендигин белгилеген. Бирок бул кесип азыр жоголуптур.

Ат чабыш. Бул жердеги аттар күчтүү келет. Тим эле чуркаганда төрт аягынан «бороон» чыгат. Ошол аягынан «бороон» чыккан күлүктөр 8–10 км аралыкка чейин чабылып, бир тегиз болуп чуркаса, тим эле куюн болуп элирген аттарды ошондо көрүп алыңыз. Кайран аттар аа, кээде бел-аркасы ийилген талдай солкулдап да чыгат. Чуркаган аттардын соорусун карасаң жал куйругу жалкылдап, оозун тартса окторулуп, Памирдин суугун тоготпой, оолугуп барып араң токтойт. Ошондой атырылган аттардын ооздугун кемиргенин көргөн жан, алардын канаттуудай зып жөнөп келаткан элесин көпкө унута албайт. Ошондой күлүк аттардын бири – Сарытору эле. Анын элеси бүгүн да элдин эсинде. Кайран Сарытору! Кадимкидей кайкалап басканычы. Басканда негедир ооздукту чайнап алчаңдачу эле. Чын сууп алганда дубалды да арыштап аттап кетчүдөй сезилчү. Тим элеби, учкан кушка аткан октой жете каларын самачу. Чындап кызып чуркаганда туягына тийген кара жер жердигинен эле түткөндөй болуп туюлчу. Дүк-дүк эткен туягынын күчүн айт. Топурак-кумдар эзилип, чубуруп кала берчү. Элдин дуу-дуусуна тушма-туш боло калды дегиче, аткан октой эпкин менен зуу берчү. Куйрук-жал дегениңдин өзү шамалга сапырылып төгүлүп эле калаар эле. Көөдөн керип, күүлүү арыш таштаганда, алдыдагы башка аттарды сүрүп-сүрүп чыга келээр эле. Памирде ушундай күлүк, күчтүү аттарды аз көзү менен көргөн адам кубанбай коё албайт.

Мына, Мургабдан чыгып, алтымыш километр аралыкты басып, Раңкөлгө келебиз. Жолдо асфальт жолду басып, анан кайра жаңыланып жаткан участокту тебелеп өтөбүз. Терскен баскан талааларды аралап баратып чыгыш тарапка бурулабыз. Жолдон суу кечип өтүп, имерилиштен ары жөнөйбүз да, Чыракташка жетебиз. Чыракташ жөнүндө да кыйла легенда айтылат. Чыракташ – тоодон берирээк бөлүнүп турган өзүнчө чокулуу бийик аска. Асканын баш жагында үңкүр бар. Үңкүр ичинде ушул күнгө чейин күндүз да, түндө да күйгөн шамдай жарык чыгат. Ал жарык түнкүсүн алыстан эле көрүнөт. Бир кезде анын жарыгы (1910–1930-ж.ж.) өзүнөн эки км. алыс турган көлгө да чачырап турчу дешет. Бул жарыкты Памирде болгон адам күндүз да, түндө да көрүүгө болот. Түнкүсүн ал алда кайда эле чачырайт жана алда кайдан эле көрүнөт. Күндүз күндүн жарыгынан болсо керек, көлдүн жээгине жакындамайынча, анча даана көрүнбөйт. Көл жээгине жакындаганда күн түш болсо да көзгө кадимкидей даана урунат. Дагы бир кызыгы – анын бирде чоңоюп, бирде басаңдап көрүнгөнүндө. Айрым божомолдоого караганда, аны фосфордун жарыгы деп да айтышат экен. Ошол жарыкты биз бир топко чейин тиктеп турдук.

1894-ж. 3705 м. бийиктикте аянты 6×6 м. болгон жерге Памирдин кичинекей метеорологиялык посту уюштурулган. Ошондон бери жергиликтүү климат суткасына үч жолдон көзөмөлгө алынып, абанын кургак же нымдуулугу, шамалдын багыты жана жүрүш ылдамдыгы, жаан-чачындын бар же жок экендиги, булуттардын болгон-болбогондугу, түрү, кандайлыгы, канчалыгы, атмосфералык ар кыл кубулуштары атайын китепчеге катталып турат экен. Ошол кезде Мургабда эл жокко эсе болуптур.

Эмичи? Эми Мургаб бир нече миңдеген калкы бар, көчөлөрү асфальт, катар-катар үйлөргө ээ болгон, Ильич шамы жаркырап күйгөн, азыркы замандагы райондук борборго айланган. Бул жердеги адамдар да көп улуттуу советтик элдердин жетишкен ийгиликтери үчүн төбөсү көккө жетип, чоң максат менен жашап жаткандыктары сезилип турат.

1933-жылы 4000 м. бийиктиктеги Федченко муздугунда, 3930 м. бийиктиктеги Каракөлдө метеорологиялык станция ачылган. Ал эми Ата Мекендик согуштан кийин Булуңкөлдө, Шаймакта, Токтомушта да уюшулуп, алар ошол жерлердин энергетикалык, физико-географиялык мүнөздөрүн ачууда чоң роль ойноодо. Мындай бийик жерде күндүн радиациясы менен атмосферанын циркуляциясын билүү, жерге түшкөн жылуулукка жараша жердин нымдуулугу, анын кыртыштын түзүлүшүнө, өсүмдүктөр дүйнөсүнө таасир этүүсү ж. б. изилденилет. Илгери Памирде жада калса суу жетишпей, ташчым менен «ноот» салып, муз тоңдуруп, ээрдин бир «кэрсэңи» (арткы бөлүгү) табылбай, аны буюм көрүп, кокус сынып калса, «өлүшпөгөн жерде» калып, ашкана-чийдин этек башына «каровзу» тигип, аны ашкан өнөр деп эсептеп: «Күйөв күздө өлөбү, жорго жазда өлөбү?» – деп келишкен. «Кыргыйдын шамалында» (күзгө маал) «кыла чөбүн» (эшек айдай турган таяк) таба албай, далай жаштар «кэйбэнилерден» (улуу, аксакал адамдардан) жеме угуп, босогодон баш бакпай, көрбөгөндү көрүшкөн. Кайчы менен бычак курчутканга чарк таба албай, денеси өлгөндөр канча…

Раңкөлдө изилдөө практикасында жүрүп, бир кызык окуяга дуушар болдук эле. Ошол жөнүндө баян салалы:

Той болуп жаткан үйгө бардык. Ал жерде кооздоп тигилген эки боз үй турат. Булар – той берген адамдардын боз үйлөрү. Боз үйдүн тегереги элге жык толгон. Жаш балдар да, карылар да, орто жашагандар да, эркектер да, аялдар да бар.

Көбүнчө жаш кыздар, уландар, келиндер, куда-сөөк адамдары. Баары тең майрамга чыккандай кооздонуп, тазаланып кийинип алышкан. Келиндер ажап жакшы тигилген «дүрүя» жоолук (саймаланган жоолук, мунун бир учун алдына, экинчи учун артына таштап коёт) салынып алышкан. Кээ бир аялдарда чачкеп «Кэллэк (элечек) оронгондор да бар. Кыз-келиндердин төштөрүндө «төвнөч» деп аталган тегерек күмүш кооздук.

Кай биринин көйнөгүндө ийинден этегине чейин тигилген «сетара». Кемзирлеринде болсо кооздолуп кадалган чын седеп. Кулактарында сырга менен сөйкө. Кырк этеги бүйүрмө келген көйнөк кийгендери да бар. Мөлтүрөгөн көздөрүнө куп келиштирип «марвед» (бермет) тагынып алгандар канча дейсиз. Эркектердин арасынан «басма» (таар чепкен) кийгендер да учурайт. Кемпирлердин ичинен «зарбаб» (жалтылдак көйнөк) кийгендер да кезигет. Алар «оро-пара» (маңдай-тескей) отуруп алып уккандан, көргөндөн сүйлөшүп жатышса, ымандары бир башкача ысык көрүнөт.

Кыз-келиндердин ичинде «тээк, көнчөк» тагынгандар да бар. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш кыздарды көрсөңөр же эже, же жеңелерин, болбосо энелерин этектеп «гужумек» (үйүр, топ) болуп жүргөнүн көрөсүз. «Ыскаат» (каап) деп бирөө кейий койсо, бирөө «үйдүн атаравин (тегерегин) тос» деп коёт. «Пакат» (дайыма, ар убак, ар качан) шону сүйлөйсүз да, балээдей билет окшойсуң деп чымчыгандары да чыгат. Дегинкиси той өткөрүүнүн шааниси, жалпы стили «кэрээт» (таасир) этиши көп жердегиден башкача сезилди. Балдардын бирөө:

– Бала болсо баатыр,

Ойноок кызды олжолоп, Алып келе жатыр. Жакшы көрүп бетинен өөп келе жатыр.

Жаман жүргөн балдарды, Жан-жанына жолотпой, Кууп келе жатыр.

Олжосуна халвадан берип-берип жатыр… – деп, «пайтамасыга курт түшкөндөй» болуп (чиренип, тоготпой) ырдап жүрөт.

Элдердин шаан-шөкөтүн сонуркап, алар айткандай «тойдон насива албасаң да наар кыл» деген болуп, той ээсинин боз үйүнө бардык. Бизди там үйгө алып барышты. Там үйдүн ичи (бул жердеги үйлөр «кулук, голек» деп аталган момо тоголок, же кол кирпич менен, же жөн гана урулуп-согулган тамдар болот экен) бокчо, жүндөн токулган чабадан, балыш, паяндоз (жер төшөк), ылбырай кийиз, алтымыш жиптүү ай нускалуу таар өңдүү ж.б. буюмдарга толгон.

Ортобуздан суук суу өтпөгөн бир топ адамдар болуп, дасторконго отурсак, жергиликтүү «чабаты» (нандын түрү), «такчы» деп аталган жыгач табакка куюлган «катык» (айран), «имкеч» деп аталчу тарелкага салынган «кантек, субан» өрүктөр, «гардимге» (аяктын түрү) куюлган сүт, анан «өлтүргөн» (сызгырган) май, куйруктун кыртыш майы таңы менен кошо чыгарылган «пестүрмөсү» (ал «ширин гөш» деп бааланат экен), эт, айтор, аларча айтканда «азбала» эле (аябай көп) оокат «пырын жеп» (жайнап) келип жатты. Ошого карабай кимдир бирөө экин чи бирөөнү шаштырып: «Кан бер, кан бер» – деп коёт, анысы эмне экен десем, тездет-тездет деген сөз экен.

Алардагы «парвайиш» (сый-урмат) ушунчалык жогору экенине көңүлүбүз уюп, алардын ич ара мышыктын жүнүнөн калың ынтымагына ыраазы болуп, «береке пайызына» (сабыр, кайрым) ниет чамгарактап, аларча айтканда, «чаканаптап» кубанып жүрдүк. Алар адегенде «абал таам, онон калам» деп, эң мурун «ала-пала» дегиче (аңгыча, тез эле) өмбүл-дөмбүл иштер токтоло калып, аш оңою – атала, иш оңою – пайтава дебестен, парвейиштеп» (сыйлап) киришет экен.

Бул жердин эли тамашакөй, кычыткы сөздүү, кези келсе сөзгө кара талаш (чияш) келип, арыкты суу, адамды сөз бузат дебестен челише кетишет. Тамаша, кычыткынын, какшык сөздөрдү да «пысты-пасат» (жийиркеничтүү) дебей көтөрө беришет. Адеп барган киши элдин бул өнөкөтүн билбесе колунан иши, оозунан ашы калып, «ново мискэнэ» менен (жыгачка гүл кооздуктарын түшүрүүчү куралдын аты) бирди жегенсип, абалына мышык ыйлагыдай болот. Мисалы, алар минтип сүйлөшөт:

  • О менин эвелегим-серегейим, кепсиң го?
  • О башы сокуйган чандөлөшүм, жанымды собулап, жанымды үрөп сен дедим.
  • Сыртыга тарт, желкеге тарт, о апти (өң түсү) бузуку.
  • Сенин о бул ишиң, пупка (түккө) турвайт.
  • Ой, адамга пант (тосуу) бербе.
  • Кудаанын даши (талаасы) кең, сөзүңдү шого чачып ташта, сени ким кой десин.
  • Сенчилеп сөздү сөзгө дебелетпейм. Сен үстөкө-босток девелеп сүйлөйсүң.
  • О гевиңе гың девейм, селт этпейм.
  • Шонт, гөрү-жерге, болбосо тов-ташка ургулана бер.
  • Сөздөн-сөз, гэптэн-гэп чыгат.
  • Ой, коюң, бегунар-бетаасир (татыксыз) гэвиңди.
  • Кой-кой, гэвиңдин тайини бедарга болду.
  • Өзүң коё кал, бевилиски (бүдөмүк сүйлөп) тейтеңдебей.
  • Сен мазардын шайгывысың? Шейит кечир дейвисиң? Ого баравысың?
  • Барбасаң бадалып өл.
  • Ой, эзгейдей (эжигейдей) сары, болоор бала он бешиде, болбос бала жигирма бешиде жаш.
  • Акылсызды сыйласаң, чарыгы менен төргө өтөт деген шо да…

Мына ушинтип «койгулашып» сүйлөшсө, «кычыткы» сөздөрдү агытышса, ал сырды билбеген адам «узак болсо кишинешет, жакын болсо тиштешет» деген ушул экен ээ?! – деп, аяган жан да кетет, айдаган мал да кетет дегендей супсуну сууй түшөт. А бирок жогоркудай чымчыма сөздөр бул тоо арасындагы эл ичинде (илгери театр, телевизор, эстрада, газета-журнал ж.б. болбогондуктан) ичтеги туйгуларын ушинтип сөзгө чыгарышкан да.

Эл ичинде жогорудай эле сөздөр бар бекен? Эгерде сиз жөнөкөй адамдардын «нан бышкыча күлчө күйөт» же «кары билгенди баары билбейт» деп, болбосо «ол өйүздүн жылкысы – бул өйүздүн жылкысы тебишет да кагышат, кыл куйругун салышат», «ойокко өтөт товурчам, буякка өтөт товурчам, тал түбүндө тунук сув тандап ичет товурчам» деп табышмактап сүйлөп отурушса, тилдин байлыгы сансыз экендигине таң каласың.

Ошол байлыктын кудурети менен ар нерсенин аты аталып (мисалы, чырмалган чийге түшүрүлгөн оюмдун «өзөк», жөн эле ыйлай берген баланын «жаагирөв»; керексиз-жараксыз чүпүрөк-чапырак, эски-уску буюмдун же мурда союлган мал этинин, же болбосо эндей товардын «өлүү» делиши ж. б.); мүнөздөр баамдалып (мисалы: урушчаак адамды «кырык»; атка шөлп-шөлп этип желдиргенди «сөлпөң-сөлпөң», барбалаңдагандыкты «парпаң-тарпаң» десе ж. б.); окуялар же кубулуштар… ж. б. сөз менен түйүндөлүп («өрчүлүктөө» – өрүлүк кылуу; «пардаздоо» – сулуулоо, жасалгалоо; «вакты чак» – көңүлү ачык, көңүлдүү ж. б.) келээрин сезебиз. Ошол байлыктарды жазуучулар ар убак арбын билип, жаңы сөз укканда «калакай-папыш» деп чочуп кетпей, «бүрөгү антет экен, бүрөгүсү минтет экен» дебей, көптү үйрөнүп (албетте, эл тилинен) көптү көңүлгө жат кылып коюшса дейбиз. Тойдун даамынан ооз тийип, эшикке чыктык. Эшикке чыксак, короонун ичи, боз үйдүн жаны, үйлөрдүн аралары ар түрдүү оромол салынган кыз-келиндерге, «жува» (сырт кийимдин түрү), саргылжың чапан, шырыма эки кат, «пакиза» (таза ак) көйнөк кийген эле кишилерге жык экен. Бул казганактап, жай тийбей турган адамдардын ичинен өзгөчө ынак-ынагы менен «оглан» (теңтуш, курбу) болуп жүргөн кыз-келиндердин башына салынган оромолдордун санжыргасы, ар түрдүүлүгү көзгө дароо чалдыгат. Биринде «зыяда оромол» болсо, экинчисинде «жүнан оромол». Бирөөндө жүн оромол болсо, башка бирөөлөрүндө жибек оромолдордун ар түрдүүлөрү. Ак оромолун башына салынып «дас оромолун» (кол жоолук) колуна кармап алганы да бар. Айтор, жылаңбаш жүргөн бир кыз-келин, аял аттуу жок. Эркектер да ошондой. Бул – каадалуу салт.

Көөкөр сөйкө салынып, шурулуу желбирөөчүн күнгө чагылтып, анын жалбырактай келген учун желге аймалатып турган бирөөнүн жанына атын көкүрөгүнө чейин ороп, эки капталын сээрине жеткен жеринен топчулап койгон, ал «ат оромолунун» арт жагы жылкынын куйругун басып, анысы аз келгенсип, дагы бир калың кийиз жабуу менен оролгон күлүк жетелеп бирөө келди. Ээрге көзүбүз түштү. Ээри зымпочтолгон кичине, жеңил, эптүү салт ээр экен. Ооба, жигиттер токунуучу ээр. Ошондон улам анын башын-кашын, көчүк-актыргасын, конул-алкагын, каптал-белин, куткун-тарагын, бүлтөк-төштүгүн, үзөңгүлүк-канжыгасын, айтор, тогоосунан бери жакындап карап, «жаазынан» (желдигинен) тарта куп келиштиргенине сонуркап турдук.

Аңгыча күйөөгө сый кылып, «сарпай» кийгизүү башталды. Ал үчүн жеңелерге кабак ачаар акы төлөндү. Антпесе алар «лап» (апыртма сөз) сүйлөп коёт эмеспи. Ыр башталды. Ыр менен тойду коштоо адатка айланып, «лүм» (лык) көпчүлүктүн алдында да, оо «чору кыздын» алдында да (жаш кызды эркелеткендеги сөз) аткарыла берет. Күйөө жанчынын ыры сарпай кийгизген кезде деле улана берди. Анан баягы «тогуз табак» башталды. Ырас, ушул кезде ыр бир азга токтой түштү (анткени алар да даамдан ооз тийүүгө тийиш). «Тогуз табак» деген жөрөлгөнүн аты эле «тогуз табак» болбосо, чындыгында ал отуз эки табак да болуп кетиши мүмкүн. Себеби азыр экономикалык мүмкүнчүлүк кеңири болуп, жаңыча каада-салт күчөгөн сайын көпчүлүктүн кызыкчылыгына карай табакты көп жасоонун жөнү арбыптыр. Жакшы чапан той дөөлөтү, жакшы чабан мал дөөлөтү деген ишеним күчөп, ар кимар ким той салтын чыгарууга кулач уруп калган. «Тогуз табактын» эң башы «кайнене табагынан» башталат. Анан «кайнеженин табагы», анан «жеңенин табагы» деп аталып отуруп, аягы «балдыздын табагы» болуп бүтөт. Ар бир табак өз-өзүнчө бир нече түрдүү даамдан ар башка идишке салынып келет да, адегенде күйөө балага ооз тийгизилет. Анан ал «ырымын» бергенден кийин идиштеги оокатты ошол жердеги адамдардын бардыгына жаш-кары дебей таратып жиберишет. Андан соң «Тыйын чачмай» башталат. Мында он, он беш, жыйырма тыйындыктар гана чачылат экен. Жез тыйындар аралаштырылбайт. Аны ак баштыкка салып келип, бир кары адам топ элдин үстүнө көкөлөтүп улам-улам чача берди. Мына ошондо эл дүрбөп, өзгөчө жаш балдар, кыз-келиндер, апалар, улан-жигиттер шаракташып, ары толкуп-бери толкуп, бирөө баласына: «Апаң саттык болсун!» – деп жалынып жүрсө, тигинде бирөө «тирдэнин» (окчонтой) жээгине ыргып келип түшкөн тыйынды издеп жүрдү.

Биз топ-топ болуп сүр-сүргө калып, тик турган элек. Баягы тыйын чачылганда мурда «лык» (тынч) турган эл толкуп кетип сапырыла түштү. Чачылган тыйын бирөөнүн башына, бирөөнүн ийнине, дагы бирөөнүн «лата» (жумшак) колуна… тийип жерге кулап, анан аны эл аягынан издешип чуру-чуу, шат күлкү чыгып, ысык-суукка карабай дүрбөп-дарбап жатышты. Чынын айтсам биз мурда «тыйын чачмай» болот дегенди уксак да, өз көзүбүз менен мындайды көрө элек элек. Көрсө, ал да чоң турмуштун бир кичинекей эпизоду болот экен. Ошондо ой-бой… ой бул турмуштун биз билбеген же көрбөгөн не бир кызык тетиги, өзүнчө кулач урган жагдайлары боло берет экен го, ошолорду абайлап көрүп, акылды жумшап керектүү сырларын башкалар үчүн ачып берген оң болот окшобойбу деген кыялга кеткенбиз.

Эгерде ушундай тойго «лайлаңбоз» (бекерчи) адам жолугуп калса, ал деле жөн жеринен бир марыгыдай. Биз баягы эл ичинде, сүр-сүр ичинде жарыша чуркаган балдарды карап атаңдын көрү ай-йе ушул «тыйын чачмай», «тогуз табак», «бут басты», анан өңгөк-дөңгөк тоо рельефи, «семиз тандамай» (кээ бир жерде «токту сурамай» деп аталат), «так орун» («жоолук таштамайдын» бир түрү) өңдүү оюндар; салык мүйүз же чүмөлөк мүйүз топозду үстүндөгү ыңырчагы, мурдундагы чулугу, жанындагы таначары, баланын колундагы «салыгы» менен (топоздун куйругунан жасалган салмоор, аны топозду айдоо, кайруу үчүн колдонот), туу куйругун келиштире (таначарыныкы «чомок» кичине куйрук болот) тарткан сүрөтчүнүн кистисине илинсе деп кыялданабыз.

Алар айткандай «күллэси» (кыскасы) жогоркудай кыялга сыйкырланып турганыбызда кимдир бирөө менин калпагымдын кырында колун кыбыратып жүргөнүн сезип калдым. Бул эмнеси? – деп бурулуп карайын дегиче:

  • Чочубаңыз, бул «мэгэлмэк» (келеке) эмес, калпагыңызда тыйын жүрөт – деп калды.

Көрсө, баягы тыйын чачмай болуп жатканда учуп келип менин калпагыма конуп калган тыйын экен. Мен:

  • Кана? – дегиче, ал омийин сапырык белгисиз болуп, бир «питинанин» (сараңдын) колуна кетиптир. «Тыйын чачмайда» мындай коюн-кончко түшө калган тыйындар көп эле болот экен. Ооба, мындайда сары баш, безгек, буума менен ооруган адам болобу, же «келвэкчил» (шылдыңчыл) пенде болобу, айтор, «кэрэндэ» (сылаңкороз) болуудан калат да, эл тамашасына аралашып кетет экен.

«Тыйын чачмайга» күйөө бала, күйөө жанчылары, кыз, анын жанындагылар, улгайган куда-сөөктөр, жакын ага-туугандар аралашпайт. Башкалар аталуу алты тоюп, энелүү эки тойгуча тыйын кубалап жүрүшсө, күйөө жанчы дагы эле ырдай берди…»

                                                                Б. ДЖАМГИРЧИНОВ

КЫРГЫЗДАР ОРМОН ХАН ДООРУНДА

(Кыргыздардын XIX кылымдагы феодалдык уруу согуштарынын тарыхынан)

XIX кылымдын башында кыргыз элинин эл аралык абалы өтө кыйын эле. Эл башына, өнүгүүсү өзүнөн бир кыйла жогору турган коңшуларынын агрессивдүү аракеттеринин курманы болуу коркунучу түшүп турган.

Түштүктөн Кокон хандыгы, чыгыштан Кытай, батыштан орус колонизаторлорунун үчүлтүк кысымына кабылган кыргыз урууларынын кандайдыр бир саясы биримдикке, өз алдынча мамлекет турумуна уюмдашууга мүмкүнчүлүктөрү жок эле.

XIX кылымдын башындагы мындай туруксуз абалда кээ бир кыргыз уруулары өздөрүнө аздыр-көптүр бейкут жашоого шарт түзүп, коншуларынын кол салуусунан сактай ала турган күчтүү мамлекеттен калканыч издөөгө мажбур болушкан.

1814-жылы Бугу уруусу Батыш Сибирдин генералгубернатору Глазенап менен байланыш жасашкан. Анын кабыл алуусунда болгон Шералы бийдин уулу Качыбекке (Белек уругунан) «капитан чини ыйгарылып, алтын медаль берилип, кылыч тартууланган»[1].

Экинчи жолу курамында Бугу уруусунун Арык, Белек, Желдең уруктарынын өкүлдөрү Алымбек, Алгазы, Акымбек болгон делегацияны орус администрациясынын өкүлдөрү 1825-жылы Семипалатинскиде жана Омскиде кабыл алган. Сибирдин генерал-губернатору делегациянын өкүлдөрүнүн баарын алтын медалдар менен сыйлаган. Кайра кайтканда аларды алгач полковник Шубиндин отряды, андан кийин Ысык-Көлгө чейин хорунжий Нюхаловдун казак орус отряды узатып келген[2].

Омар хандын убагында (1817–1822) башталган түштүк кыргыздарды багынтуу Мадалы хандын тушунда (1822– 1842) ишке ашкан. Анын кол башчылары Хак-кулунун жана Ташкент кушбегинин 30-жылдардагы жүрүштөрү түштүк кыргыз урууларын Кокон бийлигине толук баш ийдирген.

1831-жылы Нарын баш агымында Атантай, Тайлак баатырлар баштаган Саяк уруусунун кошундарынын талкаланышынан кийин, кыргыз урууларынын кокон колонизаторлоруна куралдуу каршылык көрсөтүүсү аяктаган. Уруу аралык ички жаңжалдарга алагдыланган кыргыздардын Коконго баш ийүүсү оңой болгон.

XIX кылымдын ортосунда кыргыз урууларынын баары ар кандай деңгээлде болсо да Кокон хандыгынын бийлигине баш ийип калышкан. Көчмөн кыргыздарга үстөмдүгүн камсыздоо үчүн кокондуктар Пишпекте, Токмокто, Меркеде-Чү жээгинде, Олуя-Атада – Талас жээгинде, Куртка жана Тогуз-Тородо – Нарын жээгинде, Кетмен-Төбөдө, Жумгалда – Жумгал жээгинде, Бостон-Теректе, Таш-Коргондо – Памирде аскер чептерин курушкан.

Кокон бийлигин номиналдуу тааныганы менен кыргыздар, айрыкча түндүк кыргыз уруулары «зекет» төлөө менен гана чектелишип, өздөрүнүн ички иштерин башкарууда, ал эмес кээде тышкы байланыштарда да дээрлик өз алдынча болушкан.

Кийинчерээк Пишпекте уезд начальниги болгон Талызиндин эскерүүсүндө: «Кокон бийлигинин аскер күчтөрү алсыз болгондуктан, алыскы көчмөн айылдарды аралоого батына алышпай, көп учурлары сарбаздары менен чептеринде баш маанектеп отурууга аргасыз болуп, кара кыргыздарды толук багынта алган эмес»… «Кокондун башкаруусу негизинен салык жыйноо менен чектелген. Аны Кокон бектери манаптардын ар кимисинин карамагында канча түтүн букарасы, канча малы бар экенин тактаган болуп, ошолор аркылуу ар бир үйдөн бир кап (мешок – Б. Дж.) таруу, жүз койдон эки кой эсебинде мал алып турган. «Кыргыз жергесиндеги Кокон бийлигинин бошоңдугун, соодагер сарттар айылдарды кайтарыксыз аралай албаганынан улам айкын баамдоого болот. Ан[3]сыз алар каракталып калуучу. Кээде соодагерлер уруу башчылары, урматтуу кишилерге жагынып, алардын коргоосунан пайдаланышчу.

Мындай жагдай негизинен Ысык-Көл жээгин, борбордук Тянь-Шанды жана Чүйдүн жогорку агымын жердеген кыргыз урууларына тиешелүү болгон. Пишпек чебине жакын турушкан Солто уруусу, Олуя-Ата чебинин түштүк-чыгыштагы Таласты жердеген Саруу, Кушчу уруулары Коконго көбүрөөк көз каранды болушкан. Ал эми түштүк кыргыз уруулары болсо Кокондун амирин толук тутушкан.

Ч. Валиханов төмөнкүлөрдү жазат: «Кыргыздардын Коконго карата абалын: Кокон букаралары жана Кокон бийлигин тааныгандар деп эки бөлүп кароо керек. Биринчилер өзбектер менен тең укуктан пайдаланышат, аскер кызматын өтөшөт, аскердик жана граждандык мансап орундарын ээлешет. Экинчилери болсо зекет төлөшөт жана керек болгон учурда жардамчы аскер күчтөрүн беришет». Ошондой болсо да кыргыздарда Кокон бийлиги начар эле. Алар Кокон акимдеринин бийлигин этибарга алышпайт. Айрыкча кийинчерээк бул жагдай даана байкалууда» .

Түндүк Кыргызстандагы кээ бир уруу манаптары көп учурларда Кокон бийлигинен баш тартып зекет төлөбөгөн учурларын жолуктурууга болот. Алар коңшу элдер менен мамилелешүүдө да дээрлик өз алдынча аракеттенишкен.

«Какшаал дарыясын бойлой көчүп жүрүүчү черик уруусунун башчысы Турдуке Турфандын жанында ал шаардын (анын акиминин – Б. Дж.) кыргыздарды алдаганына нааразы болгондуктан, соодагер сарттардын бирин кармап алып, башына чалма opoп, мына силерге кожо деп Турфан дарбазасына алып келген. Жыл сайын берилүүчү белектер жана «Кызыл шарик»[4] гана бул кыргызды токтоткон»[5]. «Кожолор келгенде кыргыздар Кокон бийлигин жок санашат. Кокон буйруктарын аткарышпай турганы айрыкча белгилөөгө арзыйт»[6] – деп жазган Ч. Валиханов.

Түштүк кыргыздардын абалы башка болгон. Алар Кокон хандыгынын бийлигине саясий жактан толук баш ийишкен. Албетте, мындай бийликти камсыздоо үчүн, кокон хандыгынын саясий жана аскердик бийлигинин жогорку мансал орундарынан кыргыздын феодалдык уруу билермандарына кеңири орун берилип турган.

Түштүк кыргыздардын феодалдык уруу билермандары хандыктын бардык иштеринде маанилүү ролдорго ээ болушкан, ал эмес кээде ханды түшүрүү, же такка отургузууда да чечүүчү таасир кыргыздардын колунда болгон. Бул тууралуу Ч.Валиханов мындай деп жазган: «Малабек хан тактысына кыргыздардын жана кыпчактардын жардамы менен отурган. Азыркы хандын вазири Алымбек датка тоолук кыргыз; көптөгөн кыргыздар аким жана аскер башчылары».

Потанин мындай дейт: «Тоолук кыргыз Мусулманкул кыпчактардын жардамы менен хан бийлигин колуна алган. Жашы жете элек Худаярдын өмүрүн сактоо үчүн өзүнө аталыктын бийлигин калтырган»[7]. Кийинчерээк XIX кылымдын ортосунда Худаярхан кыргыздын уруу феодалдык билермандарын мамлекеттик жогорку мансаптардан четтете баштаганда, ал алардын күчтүү оппозициясына тушуккан. Акыр аягы түштүк кыргыз феодалдык уруу билерман төбөлдөрүнүн жана аларды колдогон кээ бир түндүк кыргыз урууларынын (манаптар: бугудан Боромбайдын, сарыбагыштан Жантайдын, солтодон Байтиктин) оппозициясы ханды тактан кулатууда маанилүү ролду ойногон.

                                                                                                       I

XIX кылымдын ортосунда кыргыздарда коомдук-экономикалык түзүлүш патриархалдык феодалдык мүнөздө болгон. Кыргыздарда феодалдык мамилелердин негизделиши жана өнүгүүсү ири мал чарбасына жана жайыт жерлерге болгон жеке менчик базасына таянган.

Көчмөн малчылардын патриархалдык уруулук коому, отурукташып дыйканчылык кылган элдердикиндей айкын мүнөзгө айлана алган эмес. Көчмөн малчылар айыл-айыл болуп көчүп-конуп жашагандыктан алардын аймактык коомдошуусу бекем боло албаган. Кыргыздар уруу ичинде да ата-ата болуп туугандык ымаласына жараша жиктелише айылга уюмдашкан. Өздөрүнүн уруу-урук турумдары боюнча эки канатка – оң, сол болуп бөлүнүшкөн[8]. Саруу, Кушчу жана бир нече урууларды баш коштурган сол канаты Талас өрөөнүн жана түштүк Кыргызстандын айрым райондорун жердешкен. Аристовдун аныктоосу боюнча сол канат 9029[9] түтүндөн турган. Оң канатка Адыгене, Тагай уруулары кирет, анын ичинен Бугу, Сарыбагыш, Солто, Черик, Чонбагыштар Тагайга кошулат. Аристовдун аныктоочу боюнча он канаттагы кыргыздын саны Тагай бөлүмүндө 50164, Адыгене бөлүмүндө 18313[10] түтүн болгон. Солто уруусу Чүй өрөөнүн, Сарыбагыштар Чүйдүн жогорку агымын, Ысык-Көлдүн батыш жээгин, Бугулар Ысык-Көлдүн чыгыш жээгин жердеп, жайкысын Текеске, сыртка көчүп жүрүшчү. Саяк уруусу Нарын, Жумгалды, Чериктер Ысык-Көлдүн түштүк тоо кыркаларынын арт жагын, Чоңбагыштар болсо Кашкардын түндүк батышындагы тоо араларын жердешкен. Ар бир уруунун өзүнө тиешелүү урааны, туусу, өзгөчө белги «тамгасы» болгон. Салгылашууларда жана жалпы жыйындарда ар бир уруу өз манабынын чөйрөсүнө топтолушкан. Майдараактары (манаптар) ири манаптарга вассалдык көз карандылыкта болушкан.

XIX кылымдын ортосунда кыргыздардын социалдыкэкономикалык түзүлүшүндө алгачкы коомдошуунун жана патриархалдык уруу мамилелеринин калдыгы күчтүү болгон. Чарбалык негиз да ошол мүнөздө куралган. Ушундай шарттарда өнүгө баштаган феодалдык мамилелер да патриархалдык уруу тиричилигинин таасиринде болгон.

РКП(б)нын X съездиндеги улут маселеси боюнча тезистеринде жолдош Сталин Орто Азиянын жана Кавказдын бир катар элдеринде коомдук мамилелердин патриархалдык феодалдык мүнөздө экендигин белгилеген. Жолдош Сталиндин бул аныктамасы кыргыздардын XIX кылымдын ортосундагы, ал эмес Октябрь социалисттик революциясына чейинки коомдук түзүлүшүнө да толук тиешелүү.

Уруучулдук-феодалдык калдыктардын жашоого аралашуусу башкалары менен катар, феодалдык уруу билермандарынын бул жагдайды өз кызыкчылыктары үчүн сактап калууга аракеттенгендиктери менен түшүндүрүлөт. Кедейлер, майда жана орто чарба малчылар өз кыймылын уруусунун жалпы кызыкчылыктарын коргоо аракети дешсе да, иш жүзүндө ири байлардын, уруу ак сөөктө рүнүн кызыкчылыктарын коргошкон. Алар кеңири жайыттарды өз эркинче пайдаланышып, өз менчиктерине айландырып алышчу. Алгачкы коомдук, патриархалдык уруулук мамилелердин мындай формалары чынына келгенде феодалдык таптык мамилелерди, же бир эле уруу арасындагы экономикалык теңсиздикти айкындап туруучу. Кыргыз коомчулугу бир бирине карама-каршы айкын сезилген эки таптан – эксплуататор бай-манаптардан жана эксплуатациялануучу букаралардан туруучу. Уруучулуктун мындай калдыктары эч укуксуз «кул», «күңдөр» жөнүндө айтпаганда да феодалдык уруу төбөлдөрүнүн өз уруулаштарын аёосуз эзүүсү менен коштолуп туруучу. Чыгыш элдериндеги мындай мамилелерди өз убагында Маркс, Энгельс таасын белгилешкен.

Бул жөнүндө Энгельс: «Байыркы коомдук тиричиликтин түрү сакталып калган Индиядан Россияга чейинки чөлкөмдө миң жылдар бою чыгыш деспотизминин мамлекеттик катаал түрү өкүм сүрүп келатат» – деп жазган[11] Башка биринде Маркс: «Явадагыдай эле алгачкы коммунизм Индияда да, Россияда да эксплуатация жана деспотизм үчүн кеңири мүмкүнчүлүктүн негизин түзүп турат»[12]. Мына ушинтип, кыргыздардын урууларга бөлүнүшү жана тигил же бул уруунун кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн уруу согуштары иш жүзүндө кыргыз коомунун феодал төбөлдөрүнүн таптык муктаждыктарын жашырып турган калканч болгон.

XIX кылымдын ортосундагы кыргыздардын коомдукэкономикалык түзүлүшүнүн жалпы мүнөзү ушундай эле.

[1] Кяптольд. Киргизы (Исторический очерк). Фрунзе, 1943, стр. 68.

[2] А.Талызин. Памятная книжка Семиреченского областного статисти-ческого комитета на 1898 год. Том II, Верный, 1898, стр. 28 и 29.

[3] Валиханов Ч.Ч. Сочинения, СПБ, 1904 стр. 447 (Зап. Р.Г.О. т.XXIX).

[4] Кытай өкмөтүнүн ардактуу сыйлыгы.

[5] Валиханов Ч.Ч. Сочинения, СПБ, 1904 II т., стр. 448.

[6] Там же, стр. 449.

[7] Вестник РГО т. 38, 1860, стр.73.

[8] Валиханов Ч.  Цит. Соч. СПБ 1904, стр. 74-75. См. об этом подробнее фонд ИЯЛИ Кирг. ФАН, рукопись № 288, См. также Н. Аристова, «Роды и кости Кара-киргизов», Живая Старина, вып. III и IV, год изд. четвертый, СПб 1894, стр. 427-264; «Кара-киргизы», Живая старина, вып. III и IV, год шестой, СПб, 1896, стр. 394–399. Валиханов, Сочинения, СПБ. 1904, стр. 74–75 (Записки Р.Г. О, том XXIX).

[9] Аристов, цит. Соч. стр. 444.

[10] Там же стр. 396.

[11] Маркс, Энгельс. Соч. т. XIV, стр.183-184.

[12] Архив Маркса и Энгельса т.1 (VI) стр. 246.)

                                                                   II

XIX кылымдын биринчи жарымында түндүк-кыргыз урууларынын чөйрөсүндө болгон бир катар майда, же ири аскер кагылышуулары Сарыбагыш уруусунун гегемониясына жана ошол уруунун башкы манабы Ормон хандын жогорулашына алып келген.

XIX кылымдын ортосунда Ормон хан тушунда жана анын өлүмүнөн кийин да Сарыбагыш, Бугу урууларынын айыгышкан күрөшү жүргөн жана ал алардын үстүнөн падышалык Россиянын үстөмдүгү орногонго чейин созулган. Бул феодалдык уруу согуштарынын максаттары, милдеттери жана мүнөзү ар түрдүү болгон жана алар кыргыз элинин ички жана эл аралык абалына, тарыхый өнүгүүнүн жалпы өнүгүшүнө жараша өзгөрүп турган. Алгачкы майда чабуулдар, барымта[1] көздөгөн уруу аралык кагылышуулар мал тийип кетүү, кээде жумушчу күч катары кишилерди алып кетүү, башкача айтканда, талап тоноочу согуш мүнөзүндө болгон.

Кийинки мезгилдерде жерди, негизинен, жайыттарды басып алууну көздөгөн согуштар алдынкы планга чыга баштайт.

Ошону менен катар айрым феодал төбөлдөрүнүн саясый гегемониясын орнотуу жана кеңейтүү аракеттерине байланышкан – саясый мүнөздөгү окуялар орун ала баштайт. Буга Ормон хандын түндүк кыргыз урууларынын үстүнөн саясый үстөмдүктү борбордоштуруп колуна алуу, хан бийлигин орнотуу аракети кирет.

Ормон хандын кандайдыр бир мамлекеттик курам түзүү жолу менен кыргыздардын үстүнөн саясый бийликти борборлоштуруп колуна алуу аракети, аны өздөрүнүн патриархалдык-феодалдык, бытыранды өз алдынчалыктарынан ажырагысы келбеген жергиликтүү уруу феодал төбөлдөрү менен кагылышууга алып келген.

Бул жагдайлар ошол доордогу феодалдык уруу согуштарынын негизги себептери болгон.

Уруулар арасындагы чабуулдар, аскердик кагылышуулар башта бир уруунун экинчи урууга үстөмдүк орнотуу аракетин көздөгөн болсо, Ормон хан доорунда алар анын жергиликтүү урууларды басып, алардын бийлигин өзүнө баш ийдирүүнү көздөгөн согуштары менен алмашат.

Бизге белгилүү болгон биринчи ири куралдуу кагылышуу Сарыбагыш, Саяк уруулары ортосунда XIX кылымдын башында болуп өткөн. Согуштун чыгышына уруу манаптарынын бири-бирин мазактоолору түрткү болгон экен. Ал жөнүндө «Саяк, Сарбагыш күрөшү»[2] деген кол жазмада баяндалат. Сарыбагыш уруусунун башкы манабы Ормон хандын атасы Ниязбек Эсенгуловдун тууганы Айдаке баатыр менен Саяк уруусунун Чоро уругунун мыктысы Жанболоттун жылкычылары Кочкордо кымыз ичип отурушуп, бирөө атым чыкса байгеге эмне бересиң? – десе, экинчиси: «Мына, байгеге Айдакени сайдым» – деп күлкү салат. Ыза болгон Айдаке Ниязбекке келип арызданат. Бул ызалоо өз намысына да тиет деген Ниязбек Чоро жана Курманкожо урууларынын манаптары Качыке баатырга, Медет даткага: «Жанболотту тартуусу менен алдыма кечирим суратып келтиргиле, болбосо айылын чаап аламын. Эгер ал мага каршы тургусу келсе, беттешчү жерин айтсын. Жанболот силердин тууганыңар. Силер жооп берүүгө тийишсиңер» деген талап коёт[3].

Качыке жана Медет датканын алдына алып келген 9 жылкы тартуусу Ниязбекти ыраазы кылбайт. Ал Жанболот өзү келбегенине, a түгүл айылы менен Нарынга көчүп кеткенине ачуусу келип, ал үчүн Качыкени күнөөлөп, урберге алдырып кордуктайт. Карыган кезинде Ниязбектен көргөн кордугуна ызаланган Качыке айылына келгенден кийин өч алуунун жолун издейт. Ал кайтыш болгон Тайлак баатырдын арбагын козгоп, өчүмдү алып бергиле деп Саяк уруусунун билермандарына кайрылат. Акыры, 2–3 жылдан кийин ал чачыранды Саяк урууларын уюштуруп кол куроого жетишет. Кетмен-Төбөдөн Карашан баатыр, Нарындан Кожоберди баатыр баш болгон кошуун куралып, эрте жазда Жумгалдан Чүй өрөөнүнө чабуулга аттанышат. Эрте жазда Жел-Аргы – Тайгакта отурган Ниязбектин айылын чаап талоон салышат. Качыкенин уулу Эраалы Ниязбектин үйүнүн тушуна келип: «Эр болсоң малыңды кайтарып ал. Эгерде беттешүүгө келбесең, аялыңдын элечегин кийип ал» – деп ызалуу чакырык салат. Ниязбек эрөөл чакырыкты кабыл алып, Сарыбагыштын колун баштап, «Сегизбек» деп аталган уулдары менен жоо артынан куугунга түшөт. Шамшы капчыгайына кире бериште салгылашуу болуп, Сарыбагыштар жеңилет. Салгылашуу алдындагы жекеге чыгышкан Ниязбектин эки уулу Субанбек жана Ормон Кожоберди менен Эраалыдан жеңилип, Ормон туткунга түшөт. Саяктардын чабуулунан башаламан качкан Сарыбагыштар аттарынан айрылып, айрымдары туткун болушат. Ормон жайы-кышы саяк туткунунда, ар түрдүү азап-кордукка тушугат. Ормонго кишен салган темир уста, ал каршылык көрсөткөндө балка менен мурунга чаап ырайын бузган. Жеткире маскаралоо үчүн Ормондун башына элечек opoп уй саадырып, көчкөндө жайдак өгүз мингизип кордошкон.

Өлүм коркунучу башында турган Ормон эптеп арга таап, качып чыгууга үлгүрөт. Катаган уруусунан кокус кезиккен бир кишинин жардамы менен кишенди талкалап, анын берген кийими, аты менен үйүнө кайткан.

Саяк, Сарыбагыштардын кагылышуусунун себептери тереңде болгон. Сыягы Сарыбагыш уруу феодалдарынын Ниязбек Эсенгулов башында турган төбөлдөрү Кочкор, Жумгал өрөөндөрүнүн жайыттарын ээлеп, аларда көчүп жүргөн Саяктын Чоро, Курманкожо, Кулжыгач урууларын өз таасирлерине баш ийдирүүнү көздөшсө керек. Жылкычыларынын жаңжалы уруулар арасында кагылышууга себеп болгон Жанболот Сарыбагыштардан келүүчү коркунучту туюп, Нарынга көчүү менен малын талоондон сактап калган.

Качыке Жумгалда калып, көп аракет менен Сарыбагыштардын чабуулун кайтарып бир кыйла убакыт малын жана жайыттарын сактап турган.

Ушул эле убактын ичинде Бугу, Саяк уруулары да такай жоолашып турушкан. Сан жагынан арбындыгы бар Бугулар чачыранды Саяк урууларына үстөмдүк жасоого аракеттенишкен[4]. Мындай жагдай Саяктарды Кокон хандыгына кайрылууга аргасыз кылганы жөнүндө кол жазмаларда айтылат[5]. Бугудан Ногой баатыр Курманкожо уруусундагы Медет датканын айылын чаап, 300 жылкысын тийип кеткен. Бул кагылышта Медет датканын уулу Айтак баатыр мерт болгон. Медет датка Коконго кайрылып, анын Кушбеги баштаган кошуундары Түптү басып кирип, бугуларды Текеске сүрүп чыгарган. Мында алар көп олжо алып, кишилерди туткундаган жана аларды Медет датка уулунун ашында «байгеге» сайган.

Кол жазмада, Бугудан колго түшкөн сулуу кызды кооз кийинтип, килем токулган төөгө мингизип, жөө күрөштүн «байгесине» сайганы айтылат. «Байге» кокондук баатырды жыккан Коной баатырга тийген.

Саяктын баш манаптарынын бири Качый Бугуларды кошууну менен басып кирип, алардын ичинде Шапак тукумунун түбү саяк болгондуктан, өзүбүзгө кайтарып бергиле деп Мурааталы манаптан талап кылат. Муратаалы мындан баш тарткан соң, Кокон ханынан жардамга алган Кушбеги баштаган кошуун менен Түптү басып кирип, бугуларды Каркыра, Текеске кубалаган. Бул чабуулда Качый Бугунун Керойт деген баатырынан мерт болуп, чабуулчулар кайра кайтууга аргасыз болушкан. Бугулар өз кезеги менен өч алуу максатында саяктарга чабуул жасап, «барымта» алып турушкан. Бугулардын ушундай бир жүрүш чабуулу кол жазмада: «Балбай баатырдын Курманкожо уруусуна жүрүшү» – деп айтылат.

Бугу ичинде белгилүү болуп, аты чыга баштаган Балбай баатыр Качыкенин атактуу күлүк Карагер атын алууну чечет. Курманкожонун белгилүү манаптарынын бири Медет датканын ашында кымбат аң терилери менен шөкөттөлгөн 500 эр, 6 кул, 6 күн байге уткан экен. Буга кошо, ал Медет датканын кызы айтылуу сулуу Аксыйнатты аялдыкка алгысы келет. Кыз датканын иниси Дуулат баатырдыкында жашоочу. Ушул максатта Балбай баатыр Жумгалга Курманкожо, Кулжыгач урууларына жүрүшкө аттанат. Жүрүшкө Бугунун баш манабы Боромбай Киркеев да катышат. Балбайдын жүрүшү жөнүндө күнмурунтан кабардар болгон Дуулат баатыр анын мизин кайтарууга даяр эле. Ошондуктан бугулардын жолу болбойт. Чалгындап жүрүп, Балбай кокусунан колго түшөт. Суракта өзүнүн атын жашырып, отрядынын кайда экенин жана максатын айтпайт. Калпы ашкереленип, кулагы кесилет. Балбайдын туткундалышынан пайдаланып, саяктар көп күч топтоп (400 жүзгө каршы 600) бугуларды сүрүп, аттарын олжолоп, кишилерин туткунга алып, Дуулат баатыр Балбайды бир кыйла убакыт туткунда кармаган. Бир күнү Балбайдын кордогон күлкүлүү ырларын уккан Дуулат анын башын алмакчы болгондо, Аксыйнат женесинин кеңеши менен, сунулган кылычты токтотуп калат. Туткундан бошогондон кийин Балбай көкүрөгүндөгү түйгөн кеги менен саяктардын айылдарына кол салып, жылкы тийип кетип турган.

Саяктар менен бугулардын уруу аралык кагылышуулары көпкө чейин уланып, эки тарапты тең бүлгүнгө учураткан. Ушундан улам бул эки уруунун ар бири өздөрүнүн күчтүүрөөк коңшуларынан калканч издешип, Саяктар Сарыбагыштарга Кокондуктарга, Бугулар падышалык Россияга кайрылышкан.

Бугу, Саяк, Сарыбагыш урууларынын өз apa жаңжалдарын Кокон хандыгы алардын үстүнөн өз бийлигин бекемдөөгө пайдаланган.

Бул жөнүндө Талызин: «Кыргыздардын ички жаңжалдарын коркогураак, бирок Кокондун күчтүү бийлиги астында баш кошкон сарттар пайдаланышкан. Кокон хандыгы манаптарды бир-бирине тукуруп, аларга ак сөөктөр катары жеңилдиктерди берүү менен уруулардын ырксыздыгын өз бийлигин чыңоого пайдаланышкан.

XIX кылымдын экинчи жарымында жогоруда айтылган, сарбагыш манабы Ниязбектин уулу Ормон хан (1790–1853) бүтүндөй уруунун башкы манабы болуу менен бийлигин чыңдай баштайт. Бугуларга каршы жардамга муктаж болуп турган Саяктын Курманкожо, Кулжыгач уруктары менен достук ымала түзүп, Сарыбагыштардын бир бөлүгү менен (Темир, Болот Черикчи уруктары) Чүйдөн Кочкорго көчүп барат. Андан кийин көп өтпөй Кочкор, Жумгал, Нарын, Ат-Башыны жердеген Саяктын бардык уруулары Ормондун таасирине өтүшөт.

Мындан кийин Ормон Бугулардын Саяк урууларына кол салуусун токтотууга, ал эмес Бугуларды да өз таасирине баш ийдирип алууга жетишкен. Белгилүү баатыр Балбай Ормондун айылдарынын биринен жылкы тийүүгө барып, колго түшүп кудукка отургузулуп, өлүмдөн араң калган.

Ормон сарыбагыштардын гегемониясы астында түндүк кыргыз урууларын, белгилүү деңгээлде бириктирүүгө жетишип, Бугу, Саяк жана башка уруулардын үстүнөн бийлик жүргүзүп турган, ал уруулардын манаптары өзүлөрүн вассалдык көз карандылыктарын моюнга алып турушкан. Талызин мындай жазган: «Сарттар отурукташкан жайдан алыс, Ысык-Көлдүн чыгышында көчүп жүргөн, ошол убактагы эң күчтүү уруу Сарыбагыштар өздөрүн кокон букарасы дегени менен дээрлик өз алдынча болушкан, ал эмес өздөрүнүн ханы катары Ормонду эсептешкен. Ал Сарыбагыштарды гана эмес, Бугуларды жана Саяктардын бир бөлүгүн башкарып турган»[6] «Ысык-Көлдүн түштүгүндө, батышында көчүп жүргөн Бугулар Коконго эмес, кыргыз ханы Ормонго баш ийишкен»[7].

Сарыбагыш, Саяк, Бугу урууларына үстөм болгондон кийин Ормон Ниязбеков бүткүл кыргыз урууларына хан бийлигин жүргүзүү аракетин жасайт, бул тууралуу «Ормондун хан жарыяланышы» деген кол жазмада айтылат[8].

Көтмалдыда (Рыбачьеде) Ормон жыйын чакырат. Aгa Саяк, Бугу жана Сарыбагыштан башка Чүйдөн Солто, Таластан Саруу жана Кушчу, Тянь-Шандан Черик урууларынын өкүлдөрү катышат. Ушул жыйында Ормон өзүн хан жарыялаган. Ал муну «Кыргызда кызыл тебетей бирөө гана болот» деген сөзү менен билдирген. Мындан кийин ал өзүн хан деп атаган, ошондой эле бардык кыргыз уруулары аны хан деп аташкан. Ормон хан өзүн бүткүл кыргыздын жогорку бийлик ээси жана кыргыз урууларынын жалпы кызыкчылыгын коргоочу деп эсептеген. Кол жазмалардын маалыматтарында казак султаны Кенесары согуш ачып келердин алдында Ормон хан бабалары Үчүке, Түлкү баатырларды мерт кылган душмандыктары үчүн Лоб Нордогу Нойгутка жүрүшкө чыкмак болгон[9]. Буга султан Кенесары менен согушуу жолто болгон имиш. Ормон-хан өзүн хан дегени менен Сарыбагыш, Саяк, Бугудан башка кыргыз уруулары иш жүзүндө анын бийлигин тааныган эмес, бирок аны мындай титул менен атаганга каршылык көрсөтүшкөн эмес.

Султан Кенесары чабуул менен киргенден кийин гана түштүктөн башка кыргыз уруулары Ормон хан бийлигине баш кошуп, анын хандык бийлиги таанылган.

Ормон хандын султан Кенесары менен согушу 1847жылы болуп өткөн. Бир нече ирет Орусия аскерлери менен согушуудан жолу болбогон Кенесары өз айылдары менен Тургай чөлкөмүнөн Жети-Сууга жана Сыр дарыяга көчүп келген. Мында ал улуу жүз казактарын баш коштуруп, кыргыздарды өзүнө каратып алып, Коконго жана Орус падышалыгына каршы биргелешкен күрөш уюштурууну чечкeн[10].

«Казак-кыргыз окуялары»[11] деген кол жазмада Кенесары Касымовдон кыргыздарга падышалык Россиянын оторчул кыймылына каршы казак-кыргыздын биргелешип күрөшүүсүн уюштуруу сунушу менен элчи келет. Анда Кенесары өзүн хан катары таанууну да талап кылган1. Ормон хан өзүнүн таасирлүү манаптары менен кеңешип көрүп, жашы улуу болгондуктан хандыкты өзүнө калтырып, калган бийликти каалагандай башкаруу үчүн Кенесарыга берерин билдирип жооп берген. Буга макул болбогон Кенесары Солтонун Жайыл, Талкан, Бөлөкбай, уруктарынын жана Тынай уруусунун айылдарына чабуул коюп кыргын салган. Солтонун белгилүү баатыры Жаманкараны улуу жүздүн Шоорук баатыры өлтүрөт. Шоорук кыргыздын Күрпүк баатырынан өлөт.

Бир жолку чабуулунда кыргыз Тынаалы бийди жол көрсөткүч кармаган Кенесары Тынай уруусуна байкоосуз талоон салып, белгилүү манаптар Калпак баатырды, Ормонбек жана Субанбектерди өлтүрөт.

Буга чейин Ормон хан Сарыбагыш, Бугу, Саяк, Черик, Солто, Саруу жана Кушчу (б.а., Түштүктөн бөлөк кыргыз урууларынын баарын) урууларын жыйынга чогултуп, Кенесарынын талаптарын аткарбастан согушка даярданууну макулдашкан2. Бүткүл кыргыздарга хандык жүргүзүүгө далалат кылган Ормон ханды айтпаганда, кыргыз манаптары Кенесарынын хан болуу дооматына чечкиндүү каршылык көрсөтүшкөн. Ошондой эле казактын кичи жана орто жүз султандары да өз урууларындагы таасирлеринен ажыроону каалашкан эмес. Кыргыз манаптары болсо Кенесарынын талаптарынын Ормон хан башында турган кыргыздын феодалдык уруу төбөлдөрүн бийликтен ажыратуу аракети экенин түшүнүшкөн.

Ормон хан да Кенесары сыяктуу эле өзү жашап жана аракеттенген феодалдык уруучулук чөйрөнүн идеологиясынан ажырай алган эмес. Ал Кенесарынын Кокон хандыгына жана орус колонизаторлоруна каршы биргелешип күрөшүү жана анын хандыгын таануу жана зекет төлөө жөнүндөгү сунушун четке каккан.

Кыргыздар, казактар өз aрa жоолашып турган мындай шарттарда Ормон хан жардам алуу үчүн орус падыша

  • Фонд. ИЯЛИ рукоп. № 172 стр. 19-20 Ормон ханга Саяк Медет, Алыбек, Черикчи баатырлар; Бугудан Боромбай, Балбай жана Өмүр баатырлар; Чериктен Ажыбек баатыр; Сарыбагыш Төрөгелди, Адыл, Жантай, Түлөберди, Калпак баатырлар, Субанбек жана Ормонбектер; Солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Күрпүк, Жетикашка, Чынгыш, Саруудан Ажыбек, Кушчудан Бүргө баатыр келишкен.
  • История Казакской ССР, стр. 238.администрациясы менен жакындашууну көздөйт. Аны Кенесарыга каршы чечкиндүү аракетке Кокондуктар да тукурушкан.

Ушундай жагдайда 1847-жылы кыргыздарды басып кирген Кенесары Май-Төбө-Текелик сеңири деген жердеги кармашта талкаланып, колго түшүп өлтүрүлөн. «Бул салгылашуунун акыры алдын ала эле байкалып турган. Падыша өкмөтү, Кокон ханы кыргыз манаптарына Кенесарыга каршы биргелешип аракеттенүүнү сунуш кылган»[12].

Султан Кенесарынын казак жана кыргыз феодалдарын өз таасирине баш ийдирүүгө он жыл бою (1837–1847) жасаган аракеттеринин жолу болгон эмес. Казак ордолорунун ички жана тышкы карама-каршылыктарынын өтө күчтүүлүгү, казак феодалдарынын чачыранды болууга ынтызарлыгы, коңшу мамлекеттердин күчтүүлүгү буга жолто болгон.

Ормон хандын Кенесарыга каршы аракеттерин Кокон ханынын көрсөтмөсү менен болгон деп кароого болбойт. Ошентсе да Кокон ханынын моралдык колдоосу болгон2. Кокон ханынын бийлигине толук баш ийген түштүк кыргыз уруулары Ормон хан–Кенесары согушуна катышкан эмес, алардын түндүк кыргыз урууларында болгон окуяларга тиешелери аз болгон.

Ормон хан өзүнүн султан Кенесарыны жеңгенин, түндүк кыргыз урууларынын үстүнөн бийлигин бекемдөө жана буга Кокондун таасирин жоюу үчүн пайдаланууга аракеттенген.

Анын падыша бийликтерине карата жылуу мамиле жасап, алардын колдоосун Коконго тең салмак үчүн пайдалануу аракети ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу академик Бартольд мындайча көрсөтөт: «Бул окуя жөнүндө (Кенесарынын өлтүрүлүшү – Б. Дж.) aгa катышкан Сарыбагыш манаптары Жантай Карабеков жана Ормон Ниязов (Ормон Ниязбеков – Б.Дж.) Бугулардын Батыштагы кошуналары орустарга жазышкан. Жантай алтын медаль жана мактоо барак, экинчиси андан башка алтын галун салынган халат менен сыйланган. «Ормон уулу Умбет-Галийге (УметАлы – Б.Дж.) да алтын медаль жана мүмкүн болсо алтын кылыч берүүсүн өтүнгөн. Ошону менен бирге Ормон ОлуяАтага кыпчактар (Кокон ханынан) келип, кыргыздардын баш ийүүсүн талап кылып жатканын жана өзүнүн бул талапка баш ийбей турганын, керек болсо Илинин түндүгүнө орустар жакка ооп кетерин билдирген. Аягында ал Кашкар кожолорунун Кытайга каршы жардам сурап кыргыздарга кайрылганын билдирген. (Ошол кезде Кашкарда «жети кожо» кыймылы деген бунт болуп турган.)

Өзүнүн жообунда орустун чек apa начальниги Ормонду Кенесарыны жеңгени менен куттуктап, кыпчактарды жеңерине ишенгенин билдирген жана Орусия менен Кытай достук мамиледе болгондуктан, кытай ишине кийлигишпөөсүн сураган[13].

Бара-бара Ормон хандын Кокондуктар менен мамилесинин курчушу жана алар тарабынан коркунуч күчөшү, Ормон ханды орус букаралыгына өтүүгө макулдугун билдирүүгө мажбурлаган. Бул жагдай Перемышльскийдин командасы астында орус отряды Капалдан чыгып, Алма-Ата дарыясынын жээгине 1854-жылы Верный чебин негиздөөсүнө түрткү болгон[14].

Ормон хан султан Кенесарыны жеңгенден улам Россиянын колдоосуна ээ болом деп үмүттөнүп, Коконго көз карабай кыргыздардын үстүнө бийлигин күчөтүүгө өткөн.

Ормонду инсан жана саясатчы катары мүнөздөөчү аңыз кептер эл оозунда жүрөт. Анын душманды адаштырып, айласын түгөтүүчү айлакерлиги, кыраакылыгы өзгөчө белгиленет. Бир нече мисал келтирели.

Кыргыз арасында «Ормон опуза», «Ормон оку» (б.а., «Ормончо үш алуу», Ормончо коркутуу») деген лакаптар таралып кеткен. Булар анын максатына жетүү үчүн колдонгон кээ бир ыкмаларынан кабар берет.

Кол жазмада хан жарыялоо үчүн чогулган жыйында

Бугу, Саяк, Черик менен Солто, Кушчу, Саруу урууларынын бир бирине кол салууга даярданып турганы жөнүндө кеп таратып, эки тараптын үшүн алган. Бул максат үчүн ал Бугу манабы Ногойго: – Саруу, Кушчу, Солтонун өкүлдөрү келгенде мен силерди чаап алууга даярмын. Ормон гана токтотуп турат деп айтасың, – деп буйруган. Ногой тигилер келгенде Ормон буйругандай сес көрсөткөн. Кийин Ногой өзү: «Ошондогу Ормондон коркконум ай!» – деп эскерчү экен.

Кенесары менен согуш баштаар алдында казактарга көрүнө турган адырлардан атчандарга чычырканак, караган сүйрөтүп, үч күн бою чаң салдырып турган. Муну көргөн Кенесары кыргыз жоокерлеринин көп экенине ынанып үшү качкан дешет.

Түнкүсүн Ормон хан ар бир жоокерге бирден от жагууну буйрат. Түнкүсүн тоо, талаадан сансыз отторду көргөн Кенесары: «Кыргыз көппү, же жылдыз көппү», – деп таң калган дейт. Кенесарынын жүрүшүнө аргасыздан катышып турган казак билермандарынын бири, Ормон менен жашыруун кеби бар Супатай баатыр кыргыздын колу эбегейсиз экенине Кенесарыны ынандырып, буга чейин кыргыздын чабактары менен чарпышып турганын, «жаяны» эми келгенин айтат[15]. Кыргыздардын күчү көп деп адашкан Кенесары, түн ичинде башкы күчтөрүн алып качууга аракеттенгенде, кыргыздар чабуул коюп талкалаганы белгилүү.

Ормон хан Бугуларга жүрүш жасоо үчүн шылтоо издеп, башка жакка көчүп, эски жайытта 600 койлуу байды калтырат. Ал коркуп, мени талап кетишет го десе, Ормон мен сени ууланган «жем» катары калтырамын деп жооп берген. Чынында эле Бугулар бул «ууланган жемди» «жешкен», б.а., байды талап алып, Ормон ханга жүрүш үчүн себеп таап беришкен.

Фольклордук кол жазмаларда Ормон хан жеке жашоосунда да өтө катаал киши катары мүнөздөлөт. Түшкө чейин сүрүнөн айбыгып, үстүнө эч ким кире албаганы айтылат. Түштөн кийин, ачуусу кайтканда кишилер аны менен жолугууга мүмкүндүк алышчу экен. Ал айылдагылардын баарынан эрте туруп, жигиттеринин аттарынын абалын текшерип көрүп, андан кийин малды карап, музоолордун абалына да көз салуучу экен.

Ормон хандын ишмердигине деспотизм жана катаалдык мүнөздүү болгон. Кол жазмаларда, ал жаңы жасалган мылтыктарынын түздүгүн кул, күңдөрүн бута коюп сынагандыгы айтылат.

Мыкты жайлоо Соң-Көлдү андан «жашыруун жайлап жүрүшкөнү үчүн» Саяктарды күнөөгө жыккан.

«Айылыма келе жатканда кармап алыпсың» – деп, өзүнө көз каранды манап Алыбектен Уулбала сулууну тартып алып үйлөнгөн.

Жогоруда келтирилген мисалдардан улам Ормон хан өзүнүн идеалдары уруучулуктун тар чектеринен жогору болсо да, акыры өзүн курчап турган уруу-феодал катмарларынын дүйнө таанымынан эркин боло албаганын байкоого болот.

Өзүнүн тышкы саясатында Ормон ханга өтө кыйын шарттарда аракеттенүүгө туура келген. Өнүгүүсү боюнча жогорку баскычта турган Россия, Кытай мамлекеттери жана Орто Азия хандыктары кыргыздарды туш-тараптан курчап, дайыма кысым көрсөтүп турушкан.

Уруулар арасындагы өз apa кол салышуулардан начарлаган аз сандуу кыргыз эли мындай шарттарда өзүнүн күчтүү кошуналарынын баскынчы асакеттерине сокку урууга алсыз болгон жана көз карандысыздыгын жоготору айгине эле. Акыры келип Ормон хандын борборлоштуруу саясатынын ийгиликсиз болушу да ушуга байланыштуу болгон. Кыргыз элин феодалдык-уруулук чачырандылыгынан куткаруу үчүн Ормон хандын белгилүү деңгээлде мамлекеттик курам түзүү менен саясы башкарууну борборлоштуруу үчүн күрөшү прогрессивдүү фактор экени таанылбайт. Мында Ормон хандын тарыхый ролун да танууга болбойт.

Ормон ханга өзүнүн күчтүү кошуналарынын арасындагы карама-каршылыктардан пайдаланып, саясы пайда табуу үчүн өтө аяр жана кылдат аракеттенүүгө туура келген.

Коконго баш ийүүнү каалабаганы менен aгa каршы чечкиндүү аракеттерге барууга батына албаган, ошондой эле кубаттуу орус империясынан колдоо табууга аракеттенгени менен анын букаралыгын кабылдоого да барбаган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ошол кездеги эл аралык жагдайда күчтөрдүн реалдуу катнашын сергек баамдаган Ормон хандын орус администрациясы менен жакындашууга барганы тууралуу академик Бартольд белгилеген.

[1] Барымта – доо өндүрүү үчүн алынуучу мал, жан.

[2] Фонд ИЯЛИ Кир. ФАН рук. 287, стр. 287, стр. 61–67.

[3] Фонд ИЯЛИ, рукопись № 287, стр. 61–67.

[4] Аристовдун маалыматтары боюнча бугулар 15111 түтүн, саяктар 7427 түтүн болушкан. Н. Аристов, Кара-киргизы. «Живая старина» вып. III–IV, 1894, стр.396.

[5] Кара: Фонд ИЯЛИ, Кирг.ФАН, рукопись № 287 и 278.

[6] Талызин. Цит. соч. стр. 28.

[7] Цит. соч., стр. 25.

[8] См. фонд ИЯЛИ Кирг. ФАН, рукоп. № 292, стр. 5.

[9] О нойгутах см.цит. соч. Валиханова, стр. 405.

[10] «История Казахской ССР». 1943 г., стр. 2-6.

[11] См. фонд ИЯЛИ Кирг. ФАН рукоп. 172, стр. 3-7.

[12] Ср. История Казахской ССР, стр. 239. 2 Ср. История Казахской ССР, стр. 239.

[13] Бартольд В. «Киргизы». Исторический очерк. Фрунзе, 1943, стр. 69.

[14] Кара: Симонов. Военная колонизация Семиречья. Самарканд 1939, стр. 132.

[15] Фонд ИЯЛИ Кирг. ФАН рук. № 292.

                                                          III

50-жылдардын башынан тарта Ормон хандын Бугулар менен мамилеси бузула баштайт. Мамиле болуу үчүн Ормон хан Бугунун баш манабы Боромбайдын уулу Өмүрзакка кызы Куланды аялдыкка берсе да, орустардын жакындан келатыпты менен Боромбай Ормон хандын бийлигинен чыга баштайт. Ат-Башы, Нарындагы Саяк, Чериктерге өз уулдары Чаргын менен Үмөталы баш болуп тургандыктан, аларда Ормон хан бийлиги бир кыйла бекем болгон. Ал Бугуларды толук баш ийдирүүнүн ар кандай жолдорун жана ыкмаларын ойлоштурат. Аны Ысык-Көлдүн жээктери бөтөнчө кызыктырган. Алардагы стратегиялык өңүттү, ал хан ордосу үчүн ылайык деп тапкан. «Бугу жана Сарыбагыш согуштары» деген ырда Ормон хан, эгерде Бугулар анын бийлигинен баш тартса, Ысык-Көл жээгиндеги жерлерди тартып алууну көздөгөнү жөнүндө айтылат:

Бетегелүү Ысык-Көл

Менин жерим болсо деп, Темир, Болот, Черикчи[1]Тегерете консо деп.

Карагайлуу алкымы,

Жайлоосунун салкыны, Жайлоосунда төрү бар, Жакасында көлү бар.

Көл жээгинде шор экен,

Мал киндиги жер экен, Жер соорусу турбайбы, Жердеген журту тунбайбы.

Орто жери ойгондой, Эки жагы коргондой,

Тегерете караса,

Теги сонун жер экен, Сепил салып койгондой.

Кашкардын жолун каратып, Анжиян жолун аңдытып,

Анда, койсом кан кылып, Ат-Башы менен Нарынга, Үмөтаалы, Чаргынды.

«Байтакты көлдө кылайын, Багынтып минтип сурайын.

Кандыгыма көнбөсө,

Кайыпка чалыш бугуну, Калдыратып үркүтүп, Калмактан ары кубайын. Коңулга айдап салайын, Көлдү минтип алайын. Текеске айдап салайын, Жерди минтип алайын[2].

1853-жылы Бугу, Сарыбагыш мамилелеринин таптакыр үзүлүшүнө алып келген окуя болгон. Ошол жылы ЫсыкКөлдүн Түндүк жээгиндеги Ормон хандын айылында Бугу,

Сарыбагыштар ордо[3] атышат. Боромбай атайын ЖетиӨгүздөн чебер ордочуну алдырып келет. «Ат калчаганда» (жребий) кезек Бугуга тиет. Оюн башталарда жана жүрүп жатканда Бугу, Сарыбагыштар ортосунда ар түрдүү себептен талаш чыгып турат. Оюнга катышып отурган айтылуу Калыгул акын, чоң чатак болгону турганын туюп оюнду токтотууну сунуш кылат. Бирок оюндун кумарына азгырылган ордочулар тил алышпай, оюнду уланта беришет. Боромбайдын оюнчусу чүкөнүн баарын чийинден чыгара черткенден кийин, Ормонго кайрылып: «Айтыңызчы ханым, «ханды» чийинден чертип чыгарайынбы, же колума алып чыгарайынбы»[4] – деп сураганда, Ормон хан: «Уулум, эгер жарасаң чертип чыгар» – деп айткан имиш. Оюнчу таамай чертип ханды чийинден чыгарып кетет. Сарыбагыштар уттурушат. Бугулар байгеге 9 бээ алып кетишет. Ормон хан Бугулардын эрдемсип, ханды сыйлабай байгени толук алып кетишкенине таарынып калат.

Андан кийин Сарыбагыштар мурун Ормон ханга жигит болуп турган Алыбек Кетиркеев баштаган саяктарга да уттурушат.

Алыбек Ормон хандын Бугулардын үстүнөн бийлиги бошой башташын туюп, aгa мамилесин өзгөртүп, Боромбай менен байланышып жүргөн эле.

Ормон хандын мылтык соккон устасы болгон. Ал aгa мылтык жасап берүүчү. Ал жасаган мылтыктардын бирин Алыбекке убактылуу пайдаланууга берген. Алыбек мергенчилик убагында чөлдө бир кызга жолугат. Ал казактын белгилүү байынын кызы экен. Атасы кудалаган күйөөгө баргысы келбей: «Кыргыздын мыктыларынын бирине тиейин» – деп үйүнөн качып чыкканын айтат. Алыбек: «Мен дагы жаман кыргыз эмесмин» – деп, айылына алып келип үйлөнүп алат. Кыздын аты – Уулбала. Бул кабар Ормон ханга жеткенде, ал сулууну тартып алууну чечет. Алыбекти: «Менин айылыма келаткан кызды жолдон кармап алыпсың»,– деп жекирет. Алыбек Уулбаланы Ормон ханга аялдыкка берет. Андан кийин көп убакыт өтүп, баары унутулуп калган сыяктуу эле.

Ормон хан Алыбектин өзүнө ишеничтен кеткенин сезип жүргөн. «Ордо» чатагынан кийин, ал Алыбекке: «Кара келтенин кундагы чириди го, жаңыртамын, кайра өзүмө берсин»,– деп айттырат. Алыбек Ормондун жигитине: «Уулбала да чириди го[5], өзүмө кайтарсын, ошондо кара келтени мен да берем» – деп жооп берет да, мындан кийин өзүнүн катуу жазага тартыларын биле, түнү менен айылын Боромбай жергесине калканч издеп көчүрүп кетет.

Муну уккан Ормон хан Майдам-Талдан Ак-Терекке көчүп барып Боромбайдан: «Өзүмө тиешелүү качкынды кайтарып бер»,– деп талап кылат. Бугунун манаптары «Качкынды бербейбиз. Караганга чымчык деле корголойт тура. Ормон хан бизди караганча көрбөйт бекен» – деп жооп беришет.

Ачууланган Ормон хан Бугулар ыйык деп эсептеген бир нече теректи кыйдырып, өзүнө идиш-аяк жасатат. Көп өтпөй Ормон хан көлдүн түндүк-чыгыш жээгине көчүп, эски конушка бир байды малы менен калтырат, Бугулар аны талап кетишет.

Ормон хан каарланып жигиттерин «барымтага» жиберет. Алардын ичинен чагалдак уруусунан бирөөн Бугулар өлтүрүшөт.

Ал үчүн Ормон хан «кун» доолайт. Бугунун манаптары ууруга «кун» бербей турганын билдиришет да, Ормон хандан тынч болушалы деп өтүнүшөт.

1853-жылы жайында Ормон хан Көлдүн түндүгүндөгү Ак-Суу кыркаларын жайлайт. Уулдары Үмөтаалы, Чаргын Ат-Башы, Нарында жайлашат. Бир кыйла күч жыйнап алып, Ормон күтүүсүздөн бугуларды кыстап келет, алар да аттанышып, 3000ге жакын кол сарыбагыштарга каршы чыгышат. Бугулар саны жагынан бир кыйла артыкчылыкка ээ эле. Көлдүн түндүк жээгиндеги Кутургуда согуш жүрөт. Алдын ала өз apa аткылашкандан кийин, жеке эрөөлгө Сарыбагыш баатыры Абыкан чыгып Бугу баатыры Стам менен сайышат. Эки баатыр көпкө салгылашып, найзалары сынып, кылычташууга өтөт, Абыкан артыкчылык кыла баштаганда бугулардын бири капталынан кыя сайып ээрден түшүрөт. Абыкан тура келип, ийнинен мылтыгын алып кол салганды атат. Ушул учурда бугулар жалпы чабуулга өтүп, Сарыбагыштарды майтарып кирет.

Сарыбагыш баатырларынын бири Адыл өзүнүн «Аккызыл» деген аргымагын Ормонго тартып, кутулуп кетүүсүн сурайт. Ормон: «Жаның таттуу болсо өзүң кутул, мен качпаймын» – дейт. Көп өтпөй Сарыбагыштар жапырт качып, Ормон жигиттери менен артка чегинет. Ормондун аты жыгылып, бугулардын курчоосунда калат. Ормон ханды тааныбаган бугулар анын кийимин тоноп, чекесин жара чабышат. Артынан келген бугу манаптары  көрүп, муну жасагандарды «каргашып» Ормонду кийинтүүгө аракеттенишет. Бирок Ормон хан бою бийик, олбурлуу болгондуктан эптеп кийинтишет. Ормон хандын колго түшкөнү тууралуу кабар алган Боромбай, эмне иштөө керектигин чечүү үчүн кеңеш өткөрөт.

Бул кеңеште Бугу ичиндеги таанымал акылдуу жаш дипломат Тилекмат Ормонду 3 айдан кийин айылына коё берүүнү сунуш кылат. Алыбек бугуларды коркок деп кордоп, Ормонду өлтүрүүгө тукурат. Боромбайдын сөзү акыркы чечим болмок. Ал: «Мага Ормонду көрбөгөнүм жакшы эле» – дейт. Бул анын өлтүрүүгө каршы эместигин билдиргени эле[6]. Боромбайдын оюн түшүнгөн Балбай Ормон ханды найза менен сайып, өлөрчө жарадар кылат[7].

Семенов муну билдирет: «Найза урулуп өлөрчө жараланып, кулап түшкөн Ормон Боромбайдын уулу Өмүрзактын үйүнө жеткирилет да, анын аялы сүйүктүү кызынын колунда өлөт[8].

Ормон хандын өлүмү бугуларды өтө коркуткан. Алар жамы кыргыз хан өлтүргүч деп күнөөлөп кырып кетеби деп чочулаган. Боромбай Ормондун сөөгүн кызы аркылуу, aгa туткунга түшкөн Сарыбагыштарды кошуп жиберет. Кыргыздын башка урууларына (Солто, Черик, Саруу, Кушчуга) Ормондун өлүмүн түшүндүрө кабарлап: «Кылжырдын эки баласынын, Бугу-Сарыбагыштын иштерине кийлигишпөөлөрүн өтүнүп, элчи чабармандарды чаптырат. Бугулар азырынча Текеске көчүп кетүүнү чечишет. Боромбай жердештерине:

Бүгүн жалын,

Эртең чок,

Бүрсүгүнү кок,

Анан барып жок – деп жубаткан[9].

Кээ бир уруу башчылары Ормондун өлүмүнө кубангандыктарын жашырган эмес. Чериктердин башчысы Улак бий бейтарап турарын билдирип, Бугуларга Сарыбагыштар тарабынан болуучу ар кандай күтүүсүз окуяларга даяр турууну эскерткен. Таластагы Кушчу уруусунун башчысы Бүргө баатыр «Бөрүчү бүркүт бөрүдөн өлүүчү» деген. Солтонун башкы манабы Жангарач кызын Сарыбагыштын Тынай уругунун манабы Жантайдын уулуна берген тоюна чакырып, 60 манапты алагды кылган. Ушул себептүү Тынайлар жүрүшкө катышпай калышкан.

Ормон хандын уулдары Бугуларга хандын куну үчүн үч шарт коюшкан:

Ормон хандын канына Боромбайды, Балбайды, Тилекматты Мурзаны чыгарып берүү; же үртүктөлгөн аттарга мингизип жарашыктуу кийинген 100 сулуу кыз берүү; же Ысык-Көл боюн бошотуп, Текеске калмактарга чыгып кетүү[10]. Бугулар бул шарттарды кабыл албаган соң Сарыбагыштар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде калган «Желдең», «Кыдык» уруктарына чабуул коюуга өтүшөт.

Бугунун бул уруктары Чычкан, Барскоон, Тамганы жердешип, жайкысын Кара-Кужурга көчүшчү. Кара-Кужурду Ормондун уулдары Үмөтаалы, Чаргындын айылдары да жайлашчу. Аталган уруулар Ормон хандын өлтүрүлүшүнө тиешелүү болбосо да Сарыбагыш, Саяктардын аёосуз талоонуна тушугушкан. Малдары тыйпыл таланып, көп кыздары, көп үй-бүлөлөр түгөл туткунга алынган.

1857-жылы көл жээгинде, Бугу уруусунда болгон Семенов-Тянь-Шанский төмөнкүлөрдү билдирет: «Кыдык уругу күчтүү жана бай болгон: жалгыз өзү 3000 жоокерди курал жарагы менен аттандыра алмакчы, малдарына сан жетчү эмес. Кыдыктардын уруу башчы бийи Самсаалынын менчигинде 3000 жылкысы болгон. Менменсип келберсиген Самсаалы Боромбай менен чырлашат. Өз уругу менен, Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышына көчүп барып өзүнчө туруп калган». Сарыбагыштар мындай этиятсыздыктан пайдаланып Ысык-Көлдү айланып өтүп, Кыдыктарды Бугунун башка урууларынан бөлүп, камсыз турган айылдарын капыстан басып калышкан. Башаламан жандарын ала качкан Кыдыктар үй-жай, мал-тегеси менен бет алды качып, 600 кишиси өлүп, 1200 туткундалып, калганы качып көз мелжиген Жууку (Заука) ашуусун ашып, ТяньШандын Кичибухар жагын айланып өтүп, өз урууларына кошулууга аракеттенишет. Жолду катар малдан ажырап, ак мөңгүлүү ашуудан өтө албай, өлдүм-талдым дегенде уруусунан эптеп аман калгандары менен Самсаалы Боромбайга келип кошулат[11].

«Кыдык» менен «Желдеңден» түшкөн олжону Сарыбагыштар Сарала-Сазда бөлүштүрүп жатканда атактуу акын Арстанбек ырдаган экен:

«Жыгач болсо чабылар,

Кийиз болсо жабылар, Өлбөй турган адамдар Көп дүйнөгө кабылар.

Бүгүн эми, үч ушундай чапсаң да, Эсенгулдун эр Ормон элине кайдан табылар».

Арстанбектин ырынын таасири менен белгилүү акындын урматына туткундалгандардын арасынан 20 үй-бүлө бошотулат. Тоодо жашынып жүргөн манап Алыбек кармалып өлтүрүлөт, айылы талоонго түшөт. Ормондун өлүмү үчүн өч алууну көксөгөн сарыбагыштар муну менен тынчып калышпады. Кулжанын ары жагында уруусу менен көчүп жүргөн казак улуу жүзүнүн султаны Тезекке Бугулардан хандын өлүмү үчүн «кун» алууга жардам берүүсүн өтүнүп элчи жиберишет. Бугулар да жардам суратып Тилекматты жиберген. Элчилердин өтүнүчүн угуп отурган Тезек төрө ханды өлтүргөндөрдү жазалоочудай болгондо, Тилекмат сөз сурап: «Менимче ханга «кун» берилбейт. Сарыбагыштар хандар Кенесары, Ноорузбайды өлтүрүп «кун» төлөдү беле» – дейт. Буга муюган Тезек Сарыбагыштарды жоопсуз кетирип, Тилекматты үйүндө калтырганда, ал: «Бугулар Текеске кетип жаткандыктан, жаш кезинен сизге арналган Төрөтай сулууну аялдыкка алууңузду өтүнөт1 – деп Тезекти дагы жибитет.

Ушундан улам Тезек Бугуларга жардам берүүгө убада кылган деп айтылат. Бирок бул уламыштан алысыраак туруп окуяга көз жибергенде, Тезектин Бугуларды колдогонунун чыныгы себебин көрүү кыйын эмес. Тезек Россиянын букаралыгында болгондуктан, ал Сарыбагыштарды эмес, көптөн бери орус администрациясы менен достукта келаткан жана орус букаралыгын кабыл алууга даярданып жүргөн Бугуларды гана колдомок.

Сарыбагыштардын Төрөгелди баатыр баштаган экинчи жүрүшү Тезек төрөнүн жардамы менен Бугулар тарабынан талкаланган2.

Төрөгелди аттан жыгылып буту сынып колго түшөт. Балбай баатыр баштаган Бугулар Сарыбагыштарды көлдүн түштүк жээгин бойлото кубалаган. Кол жазманын билдиргенине караганда, Балбай баатыр бир жолку кармашта колго түшкөн 300 саякты Бугу-Сарыбагыштын арасына кийлигишкен үчүн кылычтап өлтүргөнү айтылат. Төрөгелди көп убакыт бою Бугулардын туткунунда болгон. Ошол кездерде Балбай анын бутун 3 жолу сындырган. Акыры Сарыбагыштар 60 бээ төлөп, Төрөгелдини куткарып алышкан. Бирок бул жеңиш Бугуларга артыкчылык берген эмес. Кийинки салгылашууларда бугулар бир нече жолу талкаланып, Ысык-Көл жээгинен дээрлик сүрүлүп чыгарылган.

1857-жылы Бугу уруусунда Боромбайдын үйүндө болгон Семенов-Тянь-Шаньский бир кагылышууну өзү көрүп, ал жөнүндө төмөнкүлөрдү жазып калтырган:

«Сарыбагыштар Бугуларга үйүрлөрүнүн бир бөлүгүн тийип кетүүгө мүмкүндүк беришет да, артынан кубалап жетип аёосуз талкалап, чачыратышкан. Үч күндөн кийин мен Боромбайдыкына кайра келсем, мага тигилген боз үйдүн жанынан чаалыгып-чарчаган, көпчүлүгү жарадар

  • Бугулар aгa сулуу кыз Төрөайымды аялдыкка берет. Кара: фонд.

ИЯЛИ Кирг. ФАН рук. № 292. стр. 22.

  • Тезектин Бугуларга жардамы тууралуу Семенов, ал казак отряддары менен Бугуларды кайтарууга келгенин айтат.

Атчандар тынымсыз чубап өтүп баратышты. Айрымдары өлгөн жакындарын айтып, эчкире катуу ыйлап баратышты. Сарыбагыштар кулак-мурдун кесип алган бир баатыр мага арызданып келди. Бир нече күндөн кийин Сарыбагыштардын жиберген өкүлдөрү тынчтык жөнүндө сүйлөшүү сунушу менен мага келишти»[12].

Сарыбагыштар Нарынды жердеген Тынымсейит уругун да талоонго түшүрүшкөн. Илимий экспедиция менен 1859жылы Ысык-Көлдө болгон А.Голубев мындай жазган: «Ал кезде өзүнүн душмандары Бугуларды сүрүп чыгарып, Сарыбагыштар көл жээгин ээлеп алышкан. Алардан достук мамилени үмүт этпеген Бугулар Текес дарыясы жакка Кытайга көчүп кетишкен[13].

Сарыбагыш, Бугу урууларынын согушу жөнүндөгү ырда:

Бул согуштардын баары букаралардын абалын оорлотуп мүңкүрөткөн.

Сарыбагыш менен Бугудан Саяк менен Чородон Санат жеткис көп өлдү. Сары-Булак, Күрмөнтү Акпай суусу бөгөлдү. Кемер жерлер бөгөлдү, Кедей начар көп өлдү.

Алсыз, начар көп өлдү.

Аң-чөнөктөр бөгөлдү[14] – деп айтылат.

Элдин эмгекчи массасы көп учурларда феодалдык-уруу согуштарына бай-манап, феодал төбөлдөрү тарабынан зордолуп катыштырылган; чабуулга элди бай-манап жигиттери айдап киргизишкен.

Бугу, Сарыбагыш согушу жөнүндөгү ырда:

Төрөгелди баатыры, Керинейин өкүртүп, Сурнайын бакыртып, «Черикчи» – деп чакыртып, Добул башы дүңгүрөп, Too жаңырып күңгүрөп, Кайрылганын камчылап, Кылчайганын кылычтап, Жээк тартып былкылдап, Жекендей найза кылкылдап»[15] –деп айтылат.

Бугулар калканч табууга шашылып, 1855-жылы орус букаралыгын кабыл алышкан[16]. Ушундан пайдаланган орус бийликтери 1856-жылы Ысык-Көлгө полковник Хоментовский баштаган ири отряд жиберет. Ал Кастектен өтүп баратып. Жылгын-Башы деген жерде Сарыбагыштардын манап Түлөкабыл баштаган чоң бөлүгүн талкалаган. Падыша өкмөтүнүн кызматына биринчи болуп Боромбай баш болгон бугулук манаптар өтүшкөн. Бугунун белгилүү баат ыры Балбай орус букараларын кабылдоого каршы болуп Боромбай жана анын уулу Өмүрзак менен нааразылашкан. Падыша өкмөтүнүн отряддары Ысык-Көлгө кирип келгенде, ал айылы менен Текеске көчүп кеткен. Падышалык колониялаштырууга каршы болгондордун баары аны менен болгон. Чоң ордо (улуу жүз) казактарынын баатыры Шорук да ошол жака качкан. Ал жерден Балбай Өмүрзактын уулу Күчүктүн жардамы менен орус отряды тарабынан кармалган. Кол жазмада Боромбайдын инисинин уулу Зарыппек Пржевальский уездинин начальнигинин орун басары болуп дайындалып султан наамын алгандан кийин, орус отряддарынын жардамы менен Сарыбагыштарга каршы бир нече чабуул-жүрүш жасаган. Алардын биринде Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Надырбек уругу таланып, малы бүт бойдон Сарыбагыштар тарабынан мурдараак чабылган «Тынымсейит», «Кыдык», «Желдең» урууларына тартылып берилген. Андан кийин Зарыппек Кочкордогу Сарыбагыштарга кол салып, талоон салган. Төрөгелди тоого качып кутулган.

Ушунун натыйжасында Сарыбагыштардын баары көл жээгинен сүрүлүп, Ысык-Көл тарап толугу менен Бугуларга тиешелүү болгон.

1856-жылы полковник Хоментовскийдин отряды Чүй өрөөнүндөгү Сарыбагыштарга кол салып, бирок кайра кайтканда Кастек ашуусунан кыргыздар кубалап жетип салгылашкан. Хоментовский бир нече кишисинен айрылып, тийип алган малын калтырып, Верныйга кыйындык менен кеткен.

Бирок уруулар арасындагы жаңжалдарга алагды болгон кыргыздар падышанын колониялаштыруусуна айтарлык каршылык көрсөтө алган эмес. 1860-жылы 22-октябрда болгон Узун-Агач салгылашуусунда Алымбектин 20 миң жоокерди түзгөн аскер кошууну талкаланган. Ал  кыргыздарды ким бийлейт – Коконбу, же Россия бы деген маселени чечүүгө келген эле. Бул салгылашуудан кийин  орустардын басып алышына жолтоо кылууга мүмкүн эместигине көздөрү жеткен кыргыздын ири манаптары Байтик, Жантай орус букаралыгын кабыл алууну чечишкен.

Ормон хандын уулу Үмөтаалы гана акырына чейин Россияга каршылык көрсөтүп турган. Талызин мындай деп жазат: «Сарыбагыштардын улук манабы Жантай Россияга өзгөчө берилгендикти көрсөткөн. Ал орус букаралыгын кабыл алуу менен башка манаптардын өз айылдары менен Россиядан оолактап, Коконго букара болуу жөнүндөгү аракеттерин орус бийликтерине кабарлап турган. Ал Үмөтаалыны орустарга ийиктирүүгө көп аракет жумшаган[17].

1865-жылы Куртка чеби кулагандан кийин Шамен баштаган 1000 түтүн Борукчу уругу Үмөтаалыдан бөлүнүп кетет. Бул аны өтө алсыздандырат. 1866-жылы Үмөтаалынын акыркы күчтөрү капитан Проценконун отряды тарабынан талкаланып, өзү Анжиянга качкан. 1866-жылы орус падышачылыгынын Түндүк Кыргызстанды басып алуусу акырына чыккан.

Кыргыздын феодал-уруу төбөлдөрү падыша өкмөтүнө кызмат кылууга өтөт.

Күчтүү кошуна мамлекеттер жана өзүнүн уруулукфеодал төбөлдөрү тарабынан эзилген кыргыз эли Улуу Октябрь революциясынын натыйжасында, улуу орус элинин жардамы менен Ленин – Сталин партиясынын жетекчилиги алдында гана чыныгы эркиндикке жетип, тең укуктуулукка жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болду.

[1] Название ближайших родов Ормон хана.

[2] Фонд ИЯЛИ, рукопись № 18, стр. 5-7.

[3] Название национальной игры – улут оюнунун аты.

[4] Фонд ИЯЛИ рукопись № 18 стр. 5-7.

[5] Текстте мындан ачуураак айтылган.

[6] Султан Кенесары туткундалганда, Жангарач аны мага көргөзбөгүлө, жакшыны жакшы өлтүрбөйт деген.

[7] Легенда боюнча бир кезде Ормон хан Балбайды туткундап, ороого отургузган. Бугунун аксакалдарынын суроосу боюнча бошоткондо, Балбай сунулган кымызды ичпей, артын карабай кеткен, кара: фонд ИЯЛИ Кирг.Фан, рукоп. № 292, стр. 13–14.

[8] Семенов П. Поездка в Иссык-Куль в 1867 г. Зап. Р.Г.О. по общей географии т. I. СПБ 1867, стр. 207.

[9] Кыргыз санжырасында Бугу, Сарыбагыштын теги бир атадан – Кылжырдан тараганы айтылат.

[10] Кара: фонду ИЯЛИ Кирг. ФАН, рукоп. № 287, стр.5-6.

[11] Семенов П.П. «Первая поездка на Тянь-Шань в 1857 году». Вестник Р.Г.О., т. XXIII, вып. 5, стр. 11-12.

[12] Фонд ИЯЛИ Кирг. ФАН рукопись № 18, стр. 22

[13] Фонд ИЯЛИ Кирг. ФАН рук. № 18, стр. 22–29. Бугулар тарабынан Омскиге орус букаралыгын кабыл алуу үчүн 1855-жылы Качыбек баштаган элчилер жиберилген. Буга чейин алар Тилекмат баштаган элчилерди Коконго да жиберишкен. Худаярхан жөнөткөн Алымбек датка кыш бою Көлдө болуп, Бугуга жардам бере албай кеткен.

[14] Фонд ИЯЛИ рукоп. № 18, стр. 34-35.

[15] Фонд ИЯЛИ рук. т. 2 стр. 26–30.

[16] Фонд ИЯЛИ Кир.ФАН рук. 292, стр. 28–29.

[17] См.  Цит. Соч.  Стр  40. 2*  Акырында Үмөтаалы орус админис трациясы менен ымалашып, Ысык-Көлгө кайтып келет, бирок андан кийин эч  роль  ойнобогон.

РЫСКУЛ ЖОЛДОШОВ

    ОРМОН ХАН

Мезгилдин өзгөрүшү менен кыргыз элинин өз тарыхына болгон кызыгуусу бүгүнкү күндө өтө күч алууда. Басма беттеринде тарыхый окуяларга, инсандарга арналган көптөгөн макалалар басылып чыгууда, бирок бул макалалардагы баш-аламандыктардан, элибиздин тээ байыркы тарыхын мындай койгондо да, өткөн кылымдагы эле тарыхый окуялар илимий изилдөөлөргө өтө муктаж экендиги көрүнүп турат. Мына ошондой али толук изилденбеген тарыхый инсандардын бири – Ормон Ниязбек уулу.

Ормон хан жөнүндө бул мезгилге арналган тарыхый эмгектерде учкай гана кеп кылынып, бирок «таптык көз карашта» аны «эзүүчү, феодал, манап» ж.б. деген ойлорго басым жасалат. Бирок эмгектерде анын ысымынын аталышынын өзү эле, Ормондун кыргыз тарыхындагы алган ордун айгинелейт.

Кыргыз элинин оозеки тарыхы санжырада Ормон хан тууралуу дайыма айтылып келген. Арадан 200 жылга жакын убакыттын өтүшүнө карабай эл оозунда айтылып, элдин эсинде сакталып келиши Ормон Ниязбек уулу кыргыз тарыхында, өзгөчө түндүк кыргыздарынын тарыхында белгилүү орунду ээлегени көрүнүп турат.

Ормондун качан туулгандыгы жөнүндө жазылып калган так маалымат жок, бирок фольклордук материалдарда аны 63 жашында өлгөн деген маалыматтарга караганда жана Белек Солтоноевдин айтуусу боюнча (КИА, КЖФ.

№1057, 351-б.) мындан туптуура 200 жыл илгери, 1792жылы туулган. (Макала 1992-жылы жазылган – Р.Ж.)

Ормон сары багыш уруусунун тектүү үй-бүлөсүнөн чыккан. Анын ата-бабаларынын бардыгы тең эл башкарган бийлер болушуп, кыргыз элинин коомдук кызыкчылыктары үчүн кызмат кылышкан. Эл-жерди коргоодо калктын башында турушкан. Түпкү атасы Тагай бийден тартып бабалары эл башкарган бийликти мурастап келишкен. Тагайдан Кылжыр, андан Дөөлөс бий. Дөөлөс бий учурунда кыргыздын жер чегин коргоп, калмактар менен каршылашып турган. Калмак-кыргыз мамилелерин жөнгө салуу максатында элчиликтерди уюштургандыгы баяндалат. Дөөлөстөн Манап бий. Ал өз мезгилинде жалпы кыргыз элинин башында туруп, салттуу башкаруу системасындагы «бийлик» институтун реформалап өзгөртүүлөрдү киргизгендиги менен өзгөчөлөнгөн. Ал киргизген башкаруу салты кийин анын аты менен аталып «манапчылык» деп айтылып калган. Манапчылык жалгыз сары багыш уруусунда гана болбостон, кыргыздын башка урууларына дагы тараган. Манаптын уулу Сүтөй бий Ормондун жетинчи атасы болот. Сүтөйдөн Сарысейит бий. Ал дагы атактуу инсандардан болуп, казак Эшим ханга жардам берүүдө кыргыз бийлери солто Чаа бий, саяк Түгөл бай, багыш Көкүм бий ж.б. менен бирге аракеттенишкен. Сарысейиттин уулу Үчүкө бий болуп Тагай уруулук бирикмесине кирген уруулардын башында турган. Ал иниси Түлкү баатыр менен Жаңыл мырзанын огунан каза болушкандан кийин, Үчүкөнүн ордуна иниси Кудаянды хан шайлашат. Ал хан Кудаян деген ат менен белгилүү. Үчүкөнүн уулу Мааматкул бий. Мааматкул хан Кудаяндын ордуна эл башкарып, калмактан Гиссар, Кулябга чейин сүрүлүп кеткен кыргыз элинин башында болгон. Кытай жазмаларында Мааматкул кыргыздарды Ферганадан Кыргызстандын түндүгүнө көчүрүп келүүдө оң, сол урууларынын ханы болгондугу айтылат. Ал токсондон аша жашап, уулу Болот бий менен бирге калмактарды Кыргызстандын аймагынан сүрүп чыгарууда эл башында тургандыгы жазылат. Ормондун чоң атасы Болот бийдин уулу эр Эсенгул атактуу баатыр болуп, оң, сол урууларынын чоң бийи болгон. Ферганадан кайтып келген кыргыз урууларын Чүй, Талас, ЫсыкКөл, Нарын аймактарына жайгаштырууда журт башында туруп, кыргыздын чектерин аныктаган. Кыргыздар менен жайыт талашкан казак султандарынын аскерлерин талкалаган. Ал кыргыздарга басып кирген казак Абылай хандын, көк жарлы Барак султандын, Бердикожонун жортуулдарында кыргыз аскерлеринин башында турган. Эсенгул баатыр Абылай хан менен кыргыз-казак чек арасын тактаган келишимди түзгөн. Ушундай эле келишимди Иле боюндагы калмактар менен түзүп, алардын акыркы күчтөрүн талкалоого жетише алган. Эсенгул баатырдын жети аялынан 21 эркек уулу болгон.

Ормондун атасы Ниязбек бий Эсенгул баатырдын байбичеси Анардан туулган алты уулунун эң улуусу болот. Ал учурунда сарбагыштардын башкы бийи болуп, бийлик жүргүзгөн. Ниязбек жөнүндө «Анардан алты бек, алгылыктуусу Ниязбек» деген сөз айтылып калган. Ниязбек атасы Эсенгулдан кийин, анын мураскери болуп эл башкарган. Ниязбек бийдин байбичесинен сегиз уулу, экинчи аялынан дагы сегиз уулу (Стам уулу) жана үчүнчү казак аялынан Түлкү деген уулу менен он жети эркек баласы болгон. Байбиченин сегиз уулу бардыгы тең тың чыгып, сегиз суудагы элди бийлеп, «Ниязбектин сегиз беги» деген атка конушкан. Алар тууралуу:

Бердикожо, Бердибек, Ормон, Субан эки бек,

Ажы, Шатен алты бек,

Ырыскулбек, Кожобек,

Ниязбектин сегиз бек

Телегейи тегиз бек –

деген ыр саптары эл оозунда айтылып калган.

Ормон Бердибек, Бердикожо, Субандан кийинки Ниязбектин төртүнчү баласы. Сегизбектин эң эле атактуусу болгон (О. Сыдык уулу. «Тарих и Киргизия» УИА. КЖФ, №1617). Анын балалык кези, жаштык курагы жөнүндө ач кандай маалыматтар кездешпейт. Бирок сары багыштын баш манабы Ниязбек бийдин баласы болуп, ал үйдө чоңойгондугу, анын өз коомунун алдыңкы катмарларынын тарбиясын алгандыгын күбөлөп турат. Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда Тоголок Молдонун кол жазма санжырасы сакталуу. Анда Ормон жаш кезинде чекир саяк уруусунун адамдары менен чабышка катышкандыгы тууралуу кабар берилет.

Бирок андагы чабышка Ормондон мурунку заманда же андан бир кыйла кийинки мезгилде жашаган адамдардын аралаш катышкандыктарынан, бул окуя ойдон чыгарылгандыгы дароо байкалат. Адатта айрым адамдар ата-бабаларын даңкташ үчүн тарыхта белгилүү инсандар менен аларды байланыштырган окуяларды баяндашса, ал окуя чындыкка үндөшүп калат. Тоголок Молдо чыгармачыл адам болгондуктан ушундай кадамга барса керек. Тилекке каршы акындын ушул материалдарын учурунда белгилүү илимпоз Б. Жамгерчинов пайдалангандыктан, анын илимий эмгектерине ушул маалыматтар кирип калган.

Ормондун алгачкы жолу саясий окуяларга катышкандыгы тууралуу кабар 1824-1825-жылдарга туура келет. Белгилүү болгондой Кокон ханы Мадалы Кыргызстандын түндүк аймактарын баш ийдирип алууга аракеттене баштаган. Ошол мезгилдеги түндүк кыргыздарда саясий абал мындайча болот: биринчиден, түндүк кыргыздарына толук үстөмдүгүн орнотуу үчүн Кокон хандыгы XIX кылымдын 20-жылдарынан тартып активдүү иш- аракеттерди көрө баштаган. Өзгөчө, Омор хандын (1809-1822) жана анын мурасчысы Мадалы (Мухаммед Али) хандын (1822-1842) бийлик кылган жылдарында түндүк кыргыздарына бир катар аскердик жүрүштөр уюштурулган. Экинчиден, жалпы эле Орто Азия калкы, анын ичинде кыргыз жергеси дагы, арзан, баалуу сырьенун булагы жана өздөрүнүн товарларын сатууга ыңгайлуу рынок катары дүйнөлүк ири империалисттик мамлекеттерден болгон Англия менен Россиянын басып алуу үчүн атаандашкан саясатынын бутасына айланган. XIX кылымдын биринчи жарымында түндүк кыргыздары үчүн батыштан да, түштүктөн да баскынчылардын коркунучу уламдан-улам күч алып келе жаткан. Ал эми алардын ички абалы болсо, тыштан келе жаткан мындай чоң коркунучту сезип турса да, бир ынтымакка келе алышпай, ар бир уруу өз алдынча болушуп, уруу башчылары бири-бири менен атаандашып, бийлик талашып, уруу аралык согуштарды жүргүзүп турушкан. Мындай бытырандылыктан баскынчылар чоң пайда көрүшкөн. Мисалы, 1825-жылы Мадалы хан Чүйдөгү солто жана сары багыш урууларына карата (ошол мезгилдеги кыргыздардын арасына жиберген Россиянин тыңчысы Файзулла Сейфуллиндин билдиргени боюнча)- төрт миң аскер жөнөтүп, кыргыздарды чаптырган жана Бишкек чебин негиздеген. Ал мезгилге күбө болгон дагы бир орус саякатчысы дарыгер Ф.К.Зибберштейндин айтуусуна караганда, Кокон өкүлдөрү бугу уруусуна келишип, аларды биздин букаралыкты тааныгыла, биз силер менен чогуу сары багыш уруусун талкалайбыз дешкен.

Ормондун ишмердүүлүгү дал ушундай саясий оор абалга дал келген. Мадалы хан солто уруусунун баш манабы Канай бийди коркутуп, Кокон бийлигин таанууну талап кылган. Бирок мындай сунуштан баш тарткан Канайды алар күчкө салып Олуя-Атага алып кетмекчи болушканда, туткундалып бара жаткан Канай бийди солто, сары багыштын жигиттери жолдон бошотуп алышат. Ошондон кийин Ниязбек, Канай баш болгон солто, сары багыштын жакшылары кеңешке келип, мындан ары кандай кылабыз деген маселени коюшат. Бири Коконго кошулалы десе, бири аларга каршы туруп кошулбайбыз деген ар кандай пикирди айтып жатканда, ал мезгилде отуздан жаңы өтүп калган Ормон элге кайрылып, «басып келген душманга кол куушуруп баш ийип берсек, эртең аларга кадырыбыз өтпөй калат. Каршылашып согушсак каруу-жарагыбыз чакталуу, аскерибиз аз. Кокус жеңилип калсак, анда алар бизге басып алган кулундай мамиле кылат. Ошол үчүн кадыр-баркыбызды сактап, өзүбүздүн талаптарыбызды коюп сүйлөшөлү. Талаптарыбызды аткарбай турган болсо, ал-күч жыйнаганча алыска көчө туралы» деген оюун билдиргендиги фольклордук маалыматтарда айтылып калган. Бул Ормондун саясатта болгондугу тууралу алгачкы кабар десек болот. Ушул жыйындан кийин солто, сары багыш уруусу Коконго баш ийбестен Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Иле дарыясынын аймагына көчүп кетишет. Бул көчүштү кыргыздар «Иле көчүү» же «Канай көчүү» деген аталыш менен айтып калышкан. Илеге кеткен кыргыздарга Мадалы хан Ка натшаанын атасын элчиликке жиберип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, экинчи жылы солто, сары багыш кайтып келип Кокон менен тынчтыкта жашап калгандыгын манасчы Балыкооздун санжырасында эскерилет. Кокон ханы жаңы кошулган солто, сары багыштардын таасирлүү адамдарына ар түрлүү мамлекеттик чин даражаларды бере баштаган. Ормонго ушул мезгилде датка наамын ыйгарса керек. Буга далил Үмөтаалы Ормон уулунун 1830-жылы жасалган мөөрүндө «Үмөтаалы бин Ормон датках» деген жазуу чегилип турат

Түндүк кыргыздары Кокон хандыгынын бийлигин үстүртөн гана таанышып (номиналдуу), ички уруулук бийликти жүргүзүүдө өз алдынчалыгын толугу менен сактап калышкан. Кокон мамлекети түндүк кыргыздардан алык-салык жыйнап, аларды уруу башчыларына ар кандай наамдарды берүү менен гана чектелген. Мындай кырдаалда Ормон адегенде сары багыш уруусундагы өз бийлигин чыңдаган. Анын кадыр-баркы көтөрүлүп, башка уруулар арасында да тааныла баштаган жана бүткүл түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө аракет кылган. Ал кыргыз тарыхында акыркы жолу, 1840-жылдарда, өз алдынча Кыргыз мамлекетин, кыргыз хандыгын түзмөкчү болгон. Ормондун кайсы жылы хан көтөрүлгөндүгү жөнүндөгү маалыматтарда кайчы пикирлер бар. Б.Солтоноевдин, С.М.Абрамзондун пикирлери боюнча 1825-30-жылдар деп божомолдонот, айрым кийинки тарыхый эмгектерде 1847-1850-жылдар деп берилет. Бирок, биринчи айтылган пикирди 25-30-жылдардагы Кокон хандыгынын түндүк кыргыздарына жасаган жортуулдарын жокко чыгарат. Мадалы хандын Ысык-Көлго акыркы жолу аскер жибергендиги Шабдандын өз оозунан жазылган өмүр баянында мындай деп берилет: «Мен Кокон кушбеги аскерлери менен келип, бугунун Шапак уруусун чапкан жылы, б.а.,1840-жылы май айында Ысык-Көлдо туулуптурмун»,- дейт. (Аристов, КЖФ №4019). Көрүнүп тургандай Кокон хандыгы Ысык-Көл өрөөнүнө 1840-жылдарга чейин аскер жиберип турган.

Ушундай мезгилде өз алдынчалыкты түзүү түндүк кыргыздары үчүн өтө кыйынга турат болчу. Экинчиден, Ч.Валихановдун эскерүүсүндө Ормон хан болуп жарыялангандан кийин кокондуктардын Көтмалдыдагы коргонун өрттөп ийгендиги баяндалат. (Ч.Валиханов, Собр. соч., т. 2, 816.). Бул маалыматка караганда Көл боюнда коргондорду Кокон хандыгы 1825-1840-жылдардын аралыктарында курушкан. Демек, Ормондун хан көтөрүлүшү 1840-жылдан кийин болсо керек. Ал эми экинчи пикирдин туура эместигин фольклордук материалдар ырасташат. Биринчиден, хан көтөрүү аземине бугу уругунан чыккан Ногой баатырдын катышкандыгы жөнүндө кабар бар. 1856-1857-жылдары Ысык-Көлгө келген П. П. Семенов Тянь-Шаньскийге жергиликтүү кыргыздар Ногой баатырдын күмбөзүн көрсөтүшүп, анын 1842-жылы каза болгондугун айтып беришкен («Путешествие ТяньШань», М. 58, 198-6.). Экинчиден, 1845-46-жылы Кенесары Касым уулу кыргыздарга элчи жибергенде, алар ага «Ормондун жашы улуу хандыкты ага берсин, калганын каалагандай билсин» деген жообунан улам жана ага каршы жалпы кыргыздардын жетекчиси катары кол башчылык кылгандыгынан бул мезгилде Ормондун бийлик кылып тургандыгы көрүнүп турат.

Санжыралык маалыматтарда Ормондун хан көтөрүлгөндүгү жөнүндө ар түрдүү кабарлар айтылат. Алардын биринде Коконду Бухаралык сарттар чапканда, Ормон элди жыйып, кенеш өткөрүп: «эми биз кайсы сартка алман төлөйбүз. Эл болгондон кийин өзүбүзчө журт болбойбузбу. Бир короо койго бир койчу керек болот экен, анын сыңары элибизге бир журт башчысын шайлап алып, өз алдыбызча бийлик кылалы», – деп элге кайрылган экен. Тарыхый документтерде бул окуя окуя 1842-жылы болгондугу тастыкталат. Ушул жылы Бухара эмири Насырулла Коконго кол салып, апрель айында Мадалы ханды колго түшүрүп даргага тартып өлтүрөт. Кокон мамлекети жоюлду деп жарыялап, анын аймагы Бухара эмирлигинин карамагына өттү деп ал жерге Ибрагим Хаял деген башкаруучусун (наместник) калтырып кетет. Буга каршылык көрсөткөн аксылык жана таластык кыргыз дар жай айларында көтөрүлүп, Таластагы Шераалыны хан көтөрүшүп, ферганалык кыргыздар менен бирге Коконго кол салышкан. Мындай абалда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар үчүн өз алдынчалыгына жетишке ыңгайлуу саясий кырдаал түзүлгөн. Дал ушул 1842-жылдын жай айларында Ормон кыргыз урууу башчыларын Балыкчынын жанындагы Кызыл-Токойго (айрым маалыматтарда Орто-Токой) жыйып, жалпы кыргыз кеңешин (курултай) өткөрөт. Бул жерге чогулган солто, саяк, чекир саяк, бугу, черик, сары багыш, бугу ж.б. уруулардын башчылары жана кадыр-барктуу адамдары Ормонду ак кийизге салып, хан көтөрүшкөн. Советтик идеологиянын убагында Ормонду эзүүчү феодал кылып көргөзүш үчүн, аны зөөкүр адам катары келген адамдарды коркутуп, хан көтөрүлгөн деген жалган каралоолорду таратышкан. Муну менен алар бул жыйынга келишкен кыргыздын жакшыларынын бардыгын суу жүрөк коркок, кеңкелес караңгы адамдарга айландырууга болгон аракеттер байкалат.

Жыйынга келген кыргыз башчылары хан көтөрүүдө ата-бабаларынын салттарын бекем колдонушуп, ханга ылайык адамды тандашкан. Эски кол жазмаларда хандарды көчмөн түрк элдери тандаганда, хан боло турган адамдын үч атасы хан болуш керек эле же анын тогуз атасы туташ эл бийлеген бийлер болушу талап кылынган («Таварих хамса» кол жазмасы). Чогулган кыргыз бийлеринин ичинен бул талаптарга Ормон Ниязбек уулу толук жооп берген.

Хан көтөрүүдө акбоз бээ союлуп, курани-каримдин дубалары окулуп, Ормонду ак кийизге отургузуп алып көтөргөн жигиттер келме айтышкан бойдон жалпы элди тогуз жолу айланып өтүшкөндөн кийин, кийиздин үстүндөгү Ормонду жетелеп келишип ага жаңы кийимдерди жана баш кийим кийгизишкен. Эл дуба кылып, бата тартышкан соң, жыйынга күбө болуп отурушкан эл башчыларынын бардыгы союлган бээнин канына колдорун малып турушуп, элдин бул чечимин ким бузса, ушул канга малынган колдой болуп калсын деп ант беришкен. Ошентип Ормонду хан деп жарыялашып, ал олтуруп көтөрүлгөн ак кийизди майдалап кескилешип, жыйындын бардык катышуучулары бөлүп кетишкен. Кийиздин кесиндилерин кыргыздар ыйык тутушуп, мал-жан ооруганда аны менен ырымдашып пайдаланышкан.

Хандык белги катары башына кызыл баркыт менен тышталган «кызыл тебетей» кийгизишет, (кызыл түс кыргыздардын бийлигинин түсү катары каралган). Мындан тышкары Ормондун өзүнүн мөөрү жана мамлекеттик байрагы болгон (Ч.Валиханов, Собр. Соч., Т.2, 38-б.). Ормон хан болгондон кийин, ошол эле курултайда өзүнун биринчи «жардыгын» (указын) жарыялаган. Бул жардык кийин эл ичинде «Ормон окуу» деген ат менен айтылып калган. Мында адамды өлтүрүүгө, уурулук кылууга ж.б.у.с. тыюу салган чараларды караган. Мисалы, адам өлтүргөнгө 300 жылкы кун төлөнгөн, калыңы бар кызды ала качса 40 жылкы, ууру кылса 9 жылкы айып тарткан. Чогулган эл өкүлдөрү тарабынан курултайда чечилген маселени бузбаш үчүн кыргыздын байыртадан бери келе жаткан салты боюнча, элдин алдында чырпык кыркышып ант беришкен, (ким шертти бузса, чырпыктай кыркылсын деген маанини билдирген. С.М.Абрамзон, «СК»). Ошону менен түндүк кыргыздарынын ири урууларынан болгон солто, саяк, сарбагыш, бугу, саруу, кушчу жана черик урууларынын ортосунда саясий биримдикти түзүүгө макулдашуу болгон. Ормондун хандык бийлиги бул уруулардын ичинде алардын мурдакы эле уруу башчылары жүргүзүшкөн. Мисалы, ат-башылык чериктерди Ажыбек баатыр, жумгалдык саяктарды ошол эле мезгилде кокондуктар тарабынан да таанылган Дуулат бий, солтону Жангарач бий, таластык сарууларды Ажыбек датка, кушчуларды Калча бий, бугуну Боромбай, сары багыштарды Ормондун кол алдындагы бийлер Калыгул, Жантай, Төрөгелди жана уулу Үмөтаалы ж.б. башкарышкан. Бирок салттуу система боюнча бул уруулардын көпчүлүгү сөз жүзүндө Ормондун бийлигин таанышкан менен иш жүзүндө өз алдынчалыктарын толук сакташкан. Алар ханга кезектешип кызмат көргөзү шүп, хандын айылына жана малына «от» берип турушкан. Башкача айтканда ар бир уруу жайында жайлоого көчкөндө кезеги менен Ормондун ордосун өздөрү менен кошо көчүрүп чогуу жайлашып, жайыт беришкен. Бул салт ханга «жол берүү» же ага биринчиликти берүү катары эсептелинген.

Ормон хан болуп аталгандан кийин өзүнүн тажрыйбасына жана түшүнүгүнө жараша мамлекеттин негизги уюмдарын (атрибуттарын) түзүүгө аракеттенген. Мыйзам чыгаруучу аппарат жана сот иштери боюнча анын кеңешчилери болгон жетиген уругунан Медербек чечен менен сары багыштын жантай уругунан Миңназар казы иш жүргүзүшкөн. Алсак, ар түрдүү, чыр-чатак иштерди (кун төлөө, уруш-чабыш, уурулук ж.б.) бий Миңназардын чечиминен кийин толук чечилди деп эсептешип, аны кайра кароого болгон эмес. Ички иштер боюнча да бир нече кеңешчилери болгон. Алардын атактуулары катары өз тууганы, олуя Калыгул Бай уулу, Шамен Куттуксейит уулу жана Жаманжээңдер белгилүү. Ал эми «Чоң жыйынга» б.а. өтө олуттуу маселелер боюнча алардан тышкары ар бир уруунун чоң бийлери уулу кеңешке катышкан. Башка мамлекеттер менен байланыштарды жүргүзүүдө (тышкы иштер боюнча) да атайын адамдар иштешкен. Кокон хандыгына ж.б. коңшулаш элдерге маанилүү тапшырмалар менен Байсерке каттаган. Ормондун ар түрдүү буйруктарын орус, казак, өзбек өкүлдөрүнө жана кыргыздын ири уруу башчыларына «хандын жан жигити» айлакер жана каардуу Саза жеткирип турган. (Бул тууралуу архивдик кагаздар да ырастайт). Аскердик түзүлүшү боюнча бардык көчмөндөргө мүнөздүү көрүнүш кыргыздарда да болгон. Алардын ар бир уруусу согуш коркунучу чыкса, өз аскер кошуундары менен келишкен. Ормондун жанында аскер иштери боюнча жардамчылары Төрөгелди баатыр, агасы Субандын уулу Адыл баатыр, Кетирекей уулу Алыбек ж.б. кызмат кылышкан. Ордодогу жигит башчысы иниси Ажынын уулу Абукан болгон. Булардын тышкары кызмат кылган жигиттери жана хандын жеке өзүн коргогон, өз уулу Чаргын башында турган, атайын үйрөтүлгөн кырк мергени болгон. Алардын куралдары түтөтмө мылтык болуп «чапман» деп аталган (мергенчилер тууралуу маалыматты орус саякатчысы М.Венюков да эскерет). Ормон хан аскерлерин курал-жарак менен жабдуу максатында жоожарагын соккон темир усталарды кармаган. Жоокерлердин жүрүшүн керней-сурнай тарттырып коштоткон. Ормондун кернейчиси атактуу Сагынбай манасчынын атасы Орозбак болгондугу белгилүү.

Ормон хан тышкы саясатты жүргүзүүдө да өзүн чыныгы даанышман саясатчы катары көргөзө алган. Анын кезектеги биринчи милдети болуп кыргыз элинин эркиндигине жетишүүсү талап кылынган. Ошондуктан Ормон хан кыргыздарга үстөмдүк жүргүзүп турган кокондуктардын бийлигин толук кулатуу максатында Ысык-Көлдүн айланасындагы Көтмалды, Коңур-Өлөң, Барскоон чептерин талкалап, ал жердеги кокон аскерлерин кууп чыгат. Ч. Валихановдун айтуусу боюнча, ал хан болуп шайлангандан кийин, биринчи кезекте Кокон бийлигинин начарлашынан пайдаланып, Ысык-Көлдөгү алардын коргондорун талкалаган. Ормон хандын Ысык-Көлдүн айланасындагыгы кокон бийлигин кулатышын советтик тарыхнамада ачык айтпай жашырып, аны 1842-жылдагы Ысык-Көлдүк кыргыздардын кокон бийлигине каршы көтөрүлүшү деп аташкан. (Муну жогоруда айтылгандай, 1842-жылдагы көтөрүлүш боюнча архивдик материалдар да тастыктайт). Бирок көтөрүлүштү кимдер жетектегендиги тууралуу эч качан ачык жазылган эмес. Ормон хандын аскерлери Кочкор, Жумгал тараптагы кокон чептерин дагы бошотушуп, Нарындагы Куртка чебине чейин жетишкен. Куртканы бир топ убакытка чейин курчап, акыры сүйлөшүүлөрдүн негизинде кокон аскерлери чепти таштап кеткендиги баяндалат. Кыргыздардын күчү Чүйдөгү ири чептерди бошотууга алы жеткен эмес.

Ормон хан кокон бийлигин кулатуу менен ал кыргыз урууларынын көз каранды эместигине жетише алган. Ошол эле Ч. Валихановдун айтуусу боюнча Ормон хан көз карандысыз эле кыргыз урууларынан алык-са лыктарды өзү жыйнаган жана анын бийлигин тааныган уруулардын ээлеген жерлеринен өткөндүктөрү үчүн бардык соода кербендеринен алым (пошлина) алган. Түндүк урууларынын бир бийликти таанышып, бирдей саясатка баш ийүүсү Кокон хандыгы үчүн өтө чоң коркунучту түзгөн. (Ч.Валиханов, сбор. соч., 1985. – т. II, 81-б.). Кокон хандыгы кыргыздардын бул жаңы саясий бирикмеси менен эсептешпей кое албаган. Бирок алар аны өзүнчө мамлекет катары таануудан өтө кескин баш тартышкан жана ага Кокон мамлекетииин өзүнчө бир администрациялык бөлүгү катары гана мүнөз берүүгө аракеттенишкен. Ошондуктан алар аргасыз түрдө Ормонго парваначы деген наамды ыйгарышкан. Бул наам бир аймактын же чөлкөмдүн бийлөөчүсү катары берилет, (эскерте кетүүчү нерсе, эгерде салыштырмалуу түрдө «датканы» орусча полковник чини менен салыштырсак, «парваначы» – генерал-губернатор чинине туура келет). Түндүк кыргыз урууларынын ичинен «парваначы» наамын кокондуктар жалгыз Ормонго гана беришкен. Көрүнүп тургандай, Кокон ордосу кыргыздардын жаңы саясий бирикмесине каршы болуп, Ормонду хан катары таанышпаса да, аны кыргыз урууларынын башкаруучусу катары таанууга аргасыз болушкан.

Жаңы Кыргыз мамлекетинин пайда болушуна жалаң гана Кокон хандыгы эмес, ошол мезгилде бул аймакка өздөрүнүн үстөмдүгүн орнотууга аракеттенишкен башка ири мамлекеттер, өзгөчө орус империясы да каршы турган. Булар жаңы бирикмени ыдыратуу үчүн өзгөчө иштерди, анын ичинен трайбализм саясатын, б.а. кыргыз урууларын бири-бирине каршылаштырган саясатын жүргүзүшкөн. Ал мезгилдеги орустардын мамилелери түрктөр жана Европа өлкөлөрү менен начарлап тургандыктан, алардын Орто Азияны ачыктан ачык басып алышы, каршылашууну андан ары тереңдетмек. Ал эми көчмөндөрдүн арасына уруу аралык согуштарды чыгарып, айрым урууларды алардан жардам сурашка муктаж кылып коюшуп, алардын өтүнүчтөрү боюнча жардам берип жаткан сыяктуу саясатты жүргүзүү аркылуу басып алуулары, орустардын аброюна шек келтирмек эмес. Ушул максатта орус мамлекети өздөрүнүн агенттерин соодагер же дин өкүлдөрү катары кыргыз урууларына жөнөтүп турган. Алардын басымдуу көпчүлүктөрү татар, башкыр элдеринин өкүлдөрү болушкан. Мисалы, Тархан Файзулла Ногоев, Мухаммед Галим Тагиров, «Сокур молдо» Хабибулин ж.б.у.с. Себеби алар кыргыздарга мусулман адамдары катары тез жакындашкан. Алар урууларды бири-бирине каршы коюу саясатын активдүү жүргүзүшүп, орус мамлекетинин бийлигин даңазалашып, чалгынчылык иштерди аткарышкан (Орус империясынын трайбалисттик-басып алуучулук саясаты кийинки кыргыз тарыхында кыргыздардын Россияга өз эрки менен кошулду деген жасалма пикирдин пайда болушуна шарт түзүп берген. Р.Ж.).

Ушул сыяктуу саясаттын негизинде Ормон хандын ишмердүүлүк демилгеси менен түзүлгөн кыргыздардын көз карандысыз саясий бирикмеси, өзүнүн пайда болгондугунан эки-үч жылдан кийин эле тышкы жана ички коркунучтарга кабыла баштаган. Талас урууларын жана солто уруусунун жергесинде кокондуктардын аскердик чептеринин болушу алардын таасирин күчөткөн. Ал эми бугу уруусунун бийлөөчүсү Боромбай Бекмурат уулу орус татарларынын кеңеши боюнча Орус мамлекетинин бийлигине өтүүгө аракеттене баштаган. Ал 1844-жылы август айында өз өкүлчүлүгүн Омбудагы орус төбөлдөрүнө жиберип, аларды Петербург шаарына жөнөтүшүн суранып, орус букаралыгына өтөбүз деген кат менен кайрылган. Каттын мазмунунда мындай саптар жазылган: «биздин арабызда көптөн бери соода иштери менен жүрүшкөн татарлар Тархан Файзулла жана Казандык Мухаммед Галим Тагиров бизди орус букаралыгына өтүүгө абдан ишендиришти…» (А.Хасанов, Истории Киргизии XIX в. Фрунзе 1959, ЗЗ-б.), Ал учурда орустардын мүмкүнчүлүгү жоктугунан Батыш-Сибирь генерал-губернатору 1845-жылы июль айында көптөгөн белектерди берип кат менен жооп берген. Уруу башчыларынын кээ бирлери Кокон, ал эми айрымдары орус мамлекеттери нин таасирлерине берилишип, Ормон менен атаандаша баштагандыгы, жаңы мамлекеттик түзүлүштүн жок болуу коркунучуна алып келген. Мындай кырдаалда Ормон хан аларды кыргыз элинин каада-салтына салып, туугандашуу жолу менен өзүнө тартууга аракет жасаган. Ошол себептен ал өзүнүн кызы Куланды Боромбайдын уулу Өмүрзакка берип, аны менен куда болот. Чоро саягынан чыккан атактуу Тайлак баатырдын баласы Осмонду жаштыгына карабай, өзүнүн улуу баласы Үмөтаалы менен дос кылат. Кетмен-Төбөлүк саяктардын бийлөөчүсү Нарботого Жаңыл деген карындашын берип аны күйөө баласы кылган. Төрөгелди баатырга солтолук Канай бийдин кызын алып берген. Бул сыяктуу туугандык байланыштарды өтө көп жүргүзүп, ал аркылуу уруу башчылары менен болгон мамилесин чыңдаган.

Ушул арада б.а. 1845-жылы кыргыз төбөлдөрүнүн таасиринде турган Шералы ханды өлтүрүшүп, анын уулу Кудаярды такка отургузушуп, Кокон ордосуна Мусулманкул башында турган кыпчак өкүлдөрү бийликке келет. Ушул окуядан тартып 1851-жылга чейин созулган бийлик талашуу чатагы Кокон хандыгын Ормондун мамлекетин күч менен талкалоодон алагды кылган. Кокон ордосундагы бийлик талашуу биринчи катарга чыгып, түндүк кыргыздарынын маселеси арткы катарда калган. Кыргыз урууларынын жаш бирикмесине дал ушул убакытта эми сыртта жаңы душман пайда болгон. Бул коңшулаш казак элинин Орус империясына каршы турган султаны Кенесары Касым уулу эле. Кенесары кадимки Абылай хандын небереси болгон. Атасы Касымдын мезгилинде казактардын көп бөлүгүн Орус империясы каратып алат. Бийликтен четте калган Кенесарынын бир тууган агасы Саржан өз кол алдындагы казактарды орустарга каршы көтөргөн. Анын ишин кийин иниси Кенесары улантат. Казакстандын түндүк аймагы Ак-Моло мене Көкчө-Тоо тараптагы бул согуштарда Кенесары орустар тарабынан кысымга алынып, түштүк тарапка жер которууга аргасыз болот. Кенесарынын оюунда ал кокон бийлиги менен жакындашып, алардан орустарга каршы жардам алгысы келген. Бирок Ташкендеги кокон беги аларды жазалап, казактарга кол салат. Кенесарынын  атасы Касым жана агалары Саржан менен Эсенгелди Кокон хандыгы тарабынан өлтүрүлүп, Кенесары өзү колго түшөт (Аристов, КЖФ, №4019). Бирок туткундан бошогондон кийин ал атасы жана агалары үчүн кокондуктардан өч алып, ошону менен бирге агасы баштаган Орус империясына каршы согушту улантат. Ал орустардын чакан аскер чептерине күтүүсүздөн кол саяып талкалагандан кийин казактын кенен талаасына чегинип кетип турган. Мындан тышкары орустардын бийлигин таанышкан казак султандарынын элдерин б.а. өздөрүнүн казактарын аёсуз талап тоногон. Орус аскерлеринин аны жок кылууга болгон аракеттеринен эч кандай натыйжа чыкпаган.

Орус аскерлеринин узакка созулган куугунунан алсыраган Кенесары, алардан качып адегенде Иле дарысынын өрөөнүнө келип кытай бийлигинен жардам сурап кайрылган. Кытай бийлиги аны менен мамиле кылуудан кескин баш тартат. Айласы куруган Кенесары орустарга толук баш ийе элек улуу жүз казактарын жана кыргыздарды басып алып, аларга бийлик кылып, орус менен болгон согушун толук токтотмок болот. Бул тууралуу анын баласы Сыздык султан ачык айтат. (Сыздыктын сөздөрүн иниси Ахмед жазып калтырган). Ошентип, Кенесары 1845-жылы кыргыздарга чектеш Улуу Жүз казагынын жергесине келген. Бирок бул жердеги казактардын көпчүлүгү Кененин бийлигине баш ийгилери келишпеген. Ошондуктан күч колдонуу жана кысым көрсөтүү аркасында дуулаттардын Байзак даткасын, Бердикожо бий менен Медер бийин, сейкым уруусунун Кудайберген даткасын, ботпай уругунун Супатай баатыры менен Андас баатырларын жана чапырашты уругунун Шоорук баатырларын өзүнө баш ийдирген. Курал жарактары жагынан жогору турган жана уюмдашкан орус аскерлерине караганда, булар албетте, аз жана алсыз эле. Экинчиден Кенесары өзүнүн аскердик кошуунунун тамак-аш менен камсыз кылууга муктаж болгон. Ошол себептен анын көз карашында өтө ыңгайлуу көрүнгөн кыргыздарды өзүнө каратып алуу анын аскерлери үчүн чоң күч-кубат берет болчу.

Ушуга байланыштуу Кенесары 1845-жылы күзүндө кыргыздарга өз өкүлдөрүнөн кат берип жөнөткөн. Бул катта казактар менен кыргыздар биригишип, бир эл болуп турбаса, аларды тышкы күчтөр жалгыздан тез эле басып алаарын айтып, бүгүн казактарды каратса, эртең ошол эле окуя кыргыздарда болоорун көрсөткөн. Андыктан кыргыздар Кенесарыны хан катары таанып, аскерлерине «зекет» (тамак-аш) беришин талап эткен. Эгерде бул талапты аткарышпаса, кыргыздардын өз убалы өзүнө деген.

Мындайынан алганда прогрессивдүү көрүнгөн тышкы душмандарга каршы биригүү саясатын көтөрүп чыккан менен Кенесары ошол эле учурда кыргыздардын жалпы кызыкчылыктары менен эсептешпей, ошол эле баскынчылардан айырмасы жок басып алып, баш ийдирүүгө аракет жасаган. Мындай кырдаалда жаңыдан гана өз алдынчалыкка жетүүгө аракет жасап жатышкан кыргыздарга кайрадан көз карандылыкта калуу коркунучу түзүлгөн. Бирок Кенесары Касым уулуна каршы согушууга да алардын күчү али жаш эле. Ушундай абалда кыргыз уруу башчыларына кеңешип, кандай кылуу жөнүндө маселе көтөрүшкөн. Алардын бардыгы тең кайрадан көз карандылыкка калуудан кескин баш тартышып, Ормон ханга кеңеш салышкан. Оозеки уламыштардагы маалыматтарга караганда, кыргыз билермандарынын жообу мындай болгон: «Ормондун жашы улуу болгондуктан, хандыкты ага калтырсын, калганын Кенесары өзү билсин» дешкен. Бул жооптуу чечмелеп көрсөк, Ормондун саясатынын маңызы ачылат.

Мында ал өз алдынча мамлекет катары «кыргыз хандыгы» сактала турган болсо, Кенесарыга союздаш болуп, көмөк көрсөтө тургандыгын билдирет. Бирок мындай жооп Кенесарыны канааттандырган эмес, ага кыргыздардын толук баш ийиши керек эле. Себеби ал мезгилде Кенесарыга союздаш эмес, биринчи кезекте, анын бийлигин толук тааныган букара зарыл болгон. Анткени орустар тарабынан кысым көрүп, өзүнө баш ийген казактар аз санда гана калган.  Казактардын көп бөлүгү орустар тарапка өтүп жатышкан. Кыргыздардын жообун алгандан кийин Кенесары аларды толук талкалоо үчүн кам көрө баштаган. Ал адегенде кыргыздардын арасына өз адамдарын жөнөтүп, аларды сындатып, алар жөнүндө маалыматтарды чогулткан. Казактарга чектеш жерлердеги кыргыздарга кол салууларды уюштурган. Бул жөнүндө алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев 1845-жылы Кенесары Таластын аягында кыргыздарды чаап, кушчу уругунан чыккан Бүргө баатырдын уулу Калчаны колго түшүрүп кетип, үч-төрт айдан кийин бошоткондугун жана ошол эле жылы солтонун Жайыл уруусу менен согушуп, кайра кеткендигин маалымдайт. Мындай согуштардан кийин, 1846-жылы, эрте көктөмдө солто менен тынай сары багыштарынын билермандары Жангарач, Жантай, Төрөгелди, Тынаалылар кеңешип, оруска каршы согуш болсо, биз дагы колдойлу дешип, Кенесарыга Тынаалы менен Байтеректи баш кылып «чаар атка жолборс терисин жаап» элчи жөнөтүшөт. (Б.Солтоноев, КЖФ, №1057). Бирок мындай белек Кенесарынын кыргыздарга каршы согушун токтото алган эмес. Ал элчилердин көпчүлүгүн өлтүрүп, башчыларын (Тынаалы, Байтерек) туткундап калат. Ошол эле жазда Кенесары аскерлери менен Чүйдүн суусун кечип өтүп, кыргыз жергесине келген да, туткунда жүргөн Тынаалыны чакыртып, жол көрсөтүүсүн талап кылат. Тынаалы өзү солтонун талкан уругунан болгондуктан, кабары жок жаткан элди кырып салбасын, эмнеси болсо да, жоого даяр турушчу эле деп сары багыштарды тынай уругунан болгон Калпак баатырдын айылын көрсөтөт. Кыргыз айылдары алдын ала сактанышып, Шамшы менен Кемин тарапка көчүшөт. Калпак өз айылы менен көчө албай, Токмоктун алды жагында калган. Күн бата казактар мына ошол Калпактын айылына кол салышат. Калпак бир топ кишилери менен төөлөрдү тегерете чөгөрүп коюп, казактарды мылтыктын огу менен тосуп алат. Мылтыктын огунан жазганышып, Кенесарынын аскери таң атканча Калпактын айылын ала алышкан эмес. Таң ата Калпактын инилери Түлөкабыл менен Мамбет өз адамдары менен атка минишип, казактарга каршы ат коюшуп, аларды чегиндиришет, бирок күчтөрдүн тең эместигинен жеңдиришет. Түлөкабыл бир кулагын кестире чаптырып, качып кутулат. Ал эми Мамбет болсо үч жеринен жарадар болуп, колго түшүп өлөт. (Колго түшкөн кыргыздарды Кенесары эч аёосуз кырган). Калпак атышып жатып, огу түгөнгөндө кыз-келиндердин шуру, мончоктору менен мылтыктарын октоп ата баштайт. Муну казактар билип калып, жабыла ат коюшат да анын айылын толук чабышат. Он үч жеринен жарат алып алсырап жаткан Калпакты кармап алышып, кыргызга тукум койбойбуз дешип, анын жан жерин сууруп алышып өлтүрүшөт.

Кыргыздын биринчи айылын чоң күч менен алгандан кийин казактар үчкө бөлүнүшөт. Ноорузбай төрө баш болгон бөлүгү Шамшы тараптагы Төрөгелди баатырдын айылына, Эржан баш болгон бөлүк солтолордун айылына кол салышат. Ал эми Кенесары хан өзү баштаган аскери менен Калпактын айылына кошуна турган тынай сары багыштарына чабуул коет. Бул кошуна айыл Субанбектин айылы эле. Жоо капысынан кол салганда ал жан аргасы кылып, көгөндөлгөн козулардын арасына жашынат. Аны ал жерден таап алышып, жүрөгүн сууруп оозуна тыгып кетишет. Субанбектин иниси Ормонбек бүткүл жигиттери менен казактарга каршы согушуп, кечинде кызыл ала кан болуп агасына келсе, Субанбектин оозуна жүрөгү тыгылып өлүп жатат. Муну көргөндө Атакенин уулу Таштанбектин атактуу болот кылычын алат да, өзүнүн Найзакызыл күлүгүнө минип, караңгы киргендигинен кайра тартып баратышкан казактардын артынан кууп, Кене ханды издеп жөнөйт. Атынын күлүктүгү менен казактарды аралай чаап, «Караң болсоң качкыла, ханын болсо токтогун» деп айкырып, бет келгенин кылыч менен талкалап, казакты кууп жөнөйт. Бир мезгилде жоон топ аскери менен келе жаткан Кенесарыга бет алыша түшөт. Катуу келген Ормонбек болот кылыч менен тартып калганда Кенесарыга тийбей калып, Кененин кылычы анын так маңдайына тийгенде жан берет. Колунан Таштанбектин болот кылычы түшүп, бирок атынан жыгылбай калат. Найзакызыл казактарга карматпай качып чыгат.

Ошол эле күнү сары багыштар менен солто айылдары да Ноорузбай Эржан төрөлөрдүн аскерлери менен аябай согушуп, аларды артты көздөй чегиндиришет. Бул согушта Төрөгелди баатыр бир туугандары менен жана солтонун бөлөкбай уругундагы Жамангара баатыр башкалардан айырмаланышып, өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн. Эртеси Кенесары Кан тоого чегингенде мажбур болгон. Ортодо эки-үч күн тыныгуу болгондон пайдаланып, Жантай Карабек уулу Кенесарыга өзүнүн жан жигити Калыгул Алыбек уулун элчиликке жөнөтөт. Ал казак, кыргыз тынчтыкта бололу, Кене хандын айтканынан чыкпайлы деген маселени койгон. Согушта бир топ алсыраган Кенесары буга макул болууга аргасыз болот. Калыгул казактарда калып калган Таштанбектин болот кылычын кайра алып келет. Ушуну менен Кене хандын айтканын орундаталы деген шарт боюнча Кенесары Касым уулу менен кыргыздардын 1846-жылы жазында болгон биринчи согушу бүтөт. Жогорку айтылган маалыматтарды 1895жылы Белек Солтоноев ошол Калыгул Алыбек уулунун өз оозунан жазып алган.

Кенесарынын капысынан кыргыздарга басып кириши кыргыз урууларына чоң коркунуч түзгөн. Ошондуктан уруу билермандары биригишип, Ормон хандын кеңешине келишкен. Ормон Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү КичиАк-Суунун боюна жыйын чакырган. Ормон хан Кенесары ушуну менен тынч жатпасын билип, кыргыздардын согушка даяр туруусун өтүнүп, эгерде дагы согуш болсо, ар бир уруу жоокерлери менен келишин талап кылган. Ормон айткан: «казак сан жагынан кыргыздан алда канча арбын эл, ошондуктан биз өзүбүз биринчи аларга катылбай тынч туралы. Эгер алар дагы кол салса анда алардын катыгын беришибиз керек. Ошондуктан куралжаракты камдап шайма-шай туралы. Согуш башталып кетсе, кабар жетээри менен ар бир уруу колу менен тез келсин,» – деген.

Экинчи жагынан орус администрациясы кыргыздардын Кенесарыга кошулуп кетишинен өтө коопсузданып, аларды Кене ханга каршы тукуруп, үгүттөгөн. 1846жылы август айында есаул Нюхалов Кенесары Касымовду Орус империясынын душманы катары өлтүрүүнү сунуш кылат жана буга колдоо көрсөтөөрүн билдирип, Ормон ханга жана кыргыз уруу башчылары Боромбай Бекмуратовго, Ажыбай Шералинге, Жангарач Эшкожиндерге атайын кат жөнөткөн. (А.Хасанов, Завоевание Киргизии Русским царизмом, КЖФ, №57, 18-6). Орус өкүлчүгүнүн мындай колдоосу кыргыздарды шерденткен.

Бул арада казак менен кыргыздарды жараштырам деген алдоо жолу менен чапырашты казагынын Шоорук баатыры кыргыздарды чакырган. Элчиликке солтонун бөлөкбай уругунан Жамангара баатыры менен Болот баш болгон он бешке жакын киши барышкан. Алардын баарын Шоорук Кенесарыга кармап берген. Кене хан элчи кыргыздын баарын өлтүрөт. Жамангаранын зор дене түзүлүшүнө таңданган Кенесары аны кыйнап өлтүрүүгө буюрат. Кененин жигиттери алгач Жамангаранын бир бөйрөгүн тирүүлөй сууруп алышат. Санжыралык эскерүүлөрдө Жамангара «кың» деп үн чыгаргын эмес экен. Ызаланган казактар андан кандайсың деп сурашканда, Жамангара баатыр аларды ашата сөккөн экен. Акыры анын экинчи бөйрөгүн сууруп алышып, эки колун эки бөйрөктүн ордуна тыгып өлтүрүшкөн.

1846-жылы күзгө жуук Жамангаранын бир тууган агасы Чынгыз ажы уюштурган кыргыз баатырларын Күрпүк менен Самак баштап барып, Шооруктун айылын чаап, жылкысына тийип, Шоорук баатырды өлтүрүшөт.

Кыргызга кекенген Кенесары аларды аеосуз талкалап, кырып жоюунун камын көрө баштаган. Ал бардык күчүн, аскерлерин топтоп, өзүнө баш ийбеген орустардын букаралыгына өтүп кетишкен казактардан да аскер жыйнаган. Анын жоокерлеринин саны он беш миңден кем болбогон, бардыгы куралданган, согушка үйрөтүлгөн тандалма жигиттер болушкан. Булардан тышкары Кенесарынын мылтыкчандары жана эки пушкасы болгон (пушканы кокондуктардан колго түшүргөн). Жортуулга Кенесары хан бардык үй-бүлөсүн, кыз-кыркындарын кошуп, аларга кыргыздарды байлаш үчүн көгөндөрүн да ала жүрүшүн буюрган.

Ормон хан Кенесарынын кыргыздарга каршы катуу даярданып жаткандыгы жөнүндө кабардар болуп турган. Ошондуктан ал дагы Кенесарыга каршы ар түрдүү аракеттерди уюштуруп, биринчи кезекте бул согушта кыргыздарга көмөк көрсөтө турган союздаш издеген. Мындай союздаш, албетте Кенесары Касым уулунун биринчи душманы болгон Орус империясы эле. Андыктан орустардын колдоосуна аракет кылып, Ормон хан 1847-жылы бүткүл түндүк кыргыздарынын атынан алардан жардам сурап, керек болсо, алардын букаралыгын да тааный тургандыгын билдирип кат жазган (тарыхый даректер боюнча бул кыргыздардьш саны кырк миң боз үйгө жетип, катка уруу башчыларынын да мөөрлөрү басылган). Бирок орус империясы жардам берген эмес. Казак кыргыздардын бирин-бири талкалап алсырашы алардын басып алууларын жеңилдетээрин жакты түшүнүшкөн.

Ошентип Кенесары «кой» жылы (1847-ж.) эрте жазда (апрель айында) кыргыздарды тукум курут кылуу максатында экинчи жолу чабуулга чыккан. Жортуулга чыгар астында анын карындашы Бопуйхан жаман түш көрүп, түшүндө саамай чачтары өрттөнүп кеткендигин, Кенени кыргыздарга каршы барба деп өтүнгөндүгүн санжырачылар кеп кылышат. Ал: «бойдок кыздын түшүнө эмнелер кирбейт, кыргыздын катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырам», – деп, казактан калың кол альш жортуулга аттанган. Адегенде Меркеге келип, андагы кокон чебин талкалайт. Кыргыздар болсо бул согушка алдын ала даярданышьш, солто уруусу Кемин тарапка, сары багыштар Кочкор тарапка бүткүл мал-жандарын, балабакыраларын көчүрүшүп, жоого жарамдуу адамдары менен жол тосушат. Алардын чалгынчылары Чалдывардан Кенесары Меркеге кол салгандыгын угушуп, кабар айтып келишкенде, кыргыз уруу башчылары Бишкектин беги менен сүйлөшүшөт. Бек Кенесарыга каршы турарын билгизип, жоо келгенде чептин мунарасына от жагып белги кыларын айтат. Кыргыздар Токмоктон сегиз чакырым күн чыгыш тарабындагы Орто-Башыда чогулушуп, Бишкек чебинин мунарасынан өрт чыкканда алар Ысык-Көлдүн Байсоорунунда (азыр.Ананьево) турган

Ормон ханга кабар жиберишет (Б.Солтоноев, КЖФ, – 1057). Кенесары адегенде казактарга чектеш айрым таластык кыргыздарды талкалап, андан кийин Меркенин чебин алып, Чүй боорундагы көчпөй калган кыргыздарды чаап кирет. Ушул жолку чабуулда Кенесары Касым уулу мурдагы мыкаачылык иштеринен алда канча ашып түшкөн иштерди жасап, кыргыздарды эч аёосуз кырып, зордук-зомбулуктары чектен чыккан. Ал кыргыздардын чоң кишилерин гана эмес, боюнда бар келиндердин ичин жардыртып, ичиндеги балдарын мууздатып, керегенин башына илдирткен. Бишкекке келгенде солтонун атактуу уулдары деп эсептелинген Эшкожо менен Канайдын күмбөзүндөгү өлүктү ачтырткан (бул тууралуу Б.Солтоноевдо жана «Русские путешественники и исследователи о киргизах» ж.б. китептерде айтылган). Бул жырткычтык кыргыздардын каршылыгын гана күчөткөн. Кенесарынын аскери Токмокко жакындап келгенде кыргыздын жыйылган колун көрүп, Чүй суусуна жакын КекиликСеңир деген жерге топтолушкан. Кене хан өзүнүн туусун дал ошол жерге тиктирген. Анын аскерлеринин оң канатын иниси атактуу Ноорузбай баатыр баштап, сары багыштардын тынай, черикчи урууларын беттеп согушкан. Ал эми сол канатын Эржан төрө жетектеп солтону беттеген. Бул согушта эки жак тең жан аябай кармашып, эрдиктин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Биринчи күнү кыргыздар казактардын чабуулун токтотушкан. Экинчи жана үчүнчү күндөрү кабар жеткен Кочкор, Жумгал, Нарын тараптан, айрым Талас урууларынын адамдары акырындап кошулуп турган. Ошонун негизинде кыргыздар казактарды Чүй суусун көздөй чегиндиришкен. Согуш убагында кыргыздар ата-журту, калкы үчүн аянышкан эмес. Төрөгелди баатырдын айылы болгон черикчилер баштарына кызыл жоолуктарды байланышып урушка киришип, Жантай жетектеген тынайлар менен чогуу Ноорузбайдын аскерин кысымга алышат. Жангарачтын баштоосундагы солто уруусу да өзгөчө согушуп, Кенесарынын Эржан төрөсүн аттан сайып түшүрүшүп, туткундашкан. Эржанды бошотуу максатында Ноорузбай бир топ аскери менен солтону жапырганда Төрөгелдинин жигиттери жардамга келип, аны качууга мажбурлашкан. Ошондо Ноорузбай кыргыздарга карап, жакындап чаап келип: «Эржан төре осы, кыргыздар, жаксылап багыңдар», – деп кыйкырып кетет. Эржан төрө экендигин билген кыргыздар аны кескилеп кетишкен. Ушул уруштун натыйжасында казактар суу тарапка, кыргыздар тоо тарапка бөлүнүшүп, бирин-бири жеңе алышпай тарашат. Ормон ханга бул согуш тууралуу кабар жеткенден кийин, ал бугу, саяк, черик, ж.б. урууларына өз кишилеринен аскер жыйнап келишсин деп кабар жибертет да, өзү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен кол курап аттанып чыгат. Көлдөн үч күн жол жүрүп, согуш болуп жаткан Токмоктун жанына келет. Айрым санжыраларда Ормон хан согушка жети же он күндөн кийин келген дешет. Бирок бул маалыматтарды тарыхый документ, Жантайдын 1848-49-жылы кышында Омск төбөлдөрүнө жазган каты төгүнгө чыгарат. Ал катта Чүй боюнда кыргыздар Кенесарыны үч күн токтотуп тургандан кийин Ормон хан келгендиги баяндалат. Ормон бул согушта өзүнүн чыныгы аскер башчылык талантын толук көрсөткөн. Ал согуш талаасына өз жигиттерин ондон-жыйырмадан кылып бөлүштүрүп, аттарга, төөлөргө чычырканактарды сүйрөтөт да, боз топурактуу кокту-колоттор аркылуу жөнөтөт. Алардын аркасынан чыккан чаң абага көтөрүлүп, жер жайнаган кыргыз аскерлери келе жаткандай көрүнүштү жараткан. Өзү болсо аскерлеринин негизги бөлүгү менен туусун көкөлөтө көтөрүп, салгылашуу жүрүп жаткан жерге көрүнгөн. Анын аскерлери казактарга жакындаганда Ормон хандын кернейчиси Орозбак кернейин бапылдата тарткан. Ормон хандын мындай келиши Кенесарынын казактарын психологиялык жактан далдыратып, аларды дүрбөлөңгө түшүргөн. Ал эми кыргыздарга өтө шаңдуу көрүнүп, алардын кайратына кайрат кошуп дем берген.

Санжырада Ормондун кернейин уккан Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн бул неси?» – деп сураганда, жанында олтурган чымыр Байзак: «Алдаяр таксыр, кыргыздын чабагы менен чарпышып жатуучу эдиң, жаяны энди келди», – деп жооп берген дешет. Ормон хан келген күнү кыргыз кошууну менен учурашып, казактарга чабуул коебуз деп шерденишкен аскер башчыларын бүгүн согушту токтото туралы деп, тыйып койгон. Болгону өзүнүн атайын даярдап жүргөн кырк мергенин Чаргын деген уулунун жетекчилиги менен казактарга каршы жөнөтүп, мылтыктын огу менен аларды артка жапыртып салган (Б.Солтоноев, КЖФ, №1057). Ормондун согушка мылтык колдонушу казактарды ого бетер дүрбөлөңгө түшүргөн. Эртеси согуш эки жактан батырлардын жекеге чыгып сайышы менен башталганда казак, кыргыздардан бир нече баатырлар сайышкан. Булардын ичинен бөтөнчө айырмаланганы казактардын Ноорузбай төрөсү менен Ормондун агасы Субандын уулу Адыл баатырдын сайышы болот. Ноорузбай жыйырма бештерге чыккан, али үйлөнө элек жигит эле, өзүнүн найзакерлиги менен өтө даңкталган. Ал Кенесарынын аскерине кылыч чабуу, найза саюу боюнча өнөр үйрөткөн адис катары бааланган. Казак-кыргыз согушунда анын найзаны эки колдоп сайганын эч ким көргөн эмес. Казактын ушундай атактуу баатыры Ноорузбайга кыргыздан Адыл чыгып, экөө бир нече найза сындырышып жеңе албай кетишкен. Бул дагы кыргыздардын арасында Ноорузбайдан кем калбаган баатырлар бар экендигин далилдеп, кыргыздарды шерденткен. Ормон хан казактарга дагы бир сокку кылып, алар ичип жаткан Чүйдүн суусун Шамшынын оюн көздай бурдурткан. Бул болсо казактарди суудан кыйнап аларды ого бетер алсыратат. Ормон кыргыздарга жардамга Кенесарынын эзелки душмандары кокондуктар, орустар келе жатат деген ушактарды таркаттырган. Мына ушунун баары Кенесарыньш Ормонго элчи жиберүүгө аргасыз кылып, жарашалы деген сунуш менен кайрылат. Бирок Ормон хан бул сунушту чечкиндүү түрдө четке кагат. Ормондун мындай чечкиндүү жообу казак төбөлдөрүнө чыны менен эле Ормондун күчү казактардан артыкчылык кылат экен деген пикирди жараткан. (Чындыгында кыргыздар сан жагынан казактардан бир кыйла аздык кылчу). Ошондуктан алар Кенесарыга билдиришпей, жашыруун түрдө Ормонго өз адамдарын жиберишип, кыргыздарга каршы согушпай турушкандыктарын билдиришип, андан жардам сурашкан. Кенесарынын төбөлдөрүнүн ичинен ушундай сунуш менен кайрылышкандар султан Рустем жана меркелик Супатай бийлер болушкан. (Рустем менен Супатайдын бул иштерин тарыхый документтер далилдейт). 1848-жылы орустарга Кенесарынын талкалангандыгын билдирген. Жантайдын элчилери менен чогуу Омскиге Рустемдин жана Супатайдын кишилери да барган. Ошол эле Жантайдын катында султан Рустемдин кеңеши боюнча Кенесарынын башын орус бийлигине тартуулашкандыгын Жантай эскертет. Мындан тышкары Кенесарынвн уулу Ахмед эскерүүсүндө Рустемдин чыккынчылык кылгандыгын жазган. Ормон хан алардын мындай сунуштарын толук колдоого алып кыргыздар чабуул койгондо, аларга ак көйнөк кийгизерин айткан. Рустем менен Супатай да өз кишилерине, ак көйнөк кийгизишсин деген.

Ормон хан Кенесарынын аскерин ар түрдүү жолдор менен коркутуп, үшүн алып, араларын бөлгөндөн кийин, кеч киргенде бүткүл кыргыздарды ак көйнөкчөн кылып туруп, казактарга каршы чабуулга жиберген. Кыргыздардын бир мезгилде чабуул коюшу, казактарды абдыратып койгон. Андан тышкары казак аскерлеринин ичиндеги тигил же бул уруу кыргыздарга кошулуп кетиптир деген ушак аларды чочуткан. Кыргыздар каптап киргенде, Рустем менен Супатайдын аскерлери качып беришкен, бул бардык казактардын качышына алып келген. Ормон хандын кыргыздарды күн батканда чабуулга жибериши, дагы бир согуштук айлакерлик болгон. Себеби караңгыда казактар кыргыздардын саны канча экендигин жана алар кайсы тараптан ат коюшкандыктарын түшүнө алышпай, качууга аргасыз болушкан. Мына ошентип бул согушта Ормон хандын аскердик талантынын аркасында кыргыздар өздөрүнөн алда канча көп болгон Кенесарынын баскынчыларын анчалык деле күч коротушпай, толугу менен талкалашышат. Кыргыздардын тукумун курут кылып, жер үстүнөн жок кылам деген Кенесарынын Ноорузбай баатыры менен кошо колго түшүрүшкөн. Кенесары качып бара жатып Мыкандын сазына тыгылып калган жеринен сары багыштын чечей уругунан Калча деген карапайым жоокер өзүнүн бир туугандары менен колго түшүргөн. Колго түшкөн Кенесары менен Ноорузбайды Ормон хан жана кыргыз төбөлдөрү сүйлөшөлү деген сунуштарын кабыл алышпай, баштарын кестирип өлтүрткөн. Денесине Токмоктун үстүндөгү тоо тарапка көмүшкөн.

Кенесарынын башын орус бийлигине, алардын душманы жок болгондугун билгизип, тартуу кылып жөнөтүшкөн. Орустар болсо Кенесарынын башына сыйлык катары жарыялаган ири суммадагы акчаны кыргыздарга берген эмес. Анын ордуна алты алтын, алты күмүш медаль менен аскер башчыларын сыйлаган. Жантай Карабек уулу менен дагы бир кол башчыга (балким Жангарач), Кенесарыны туткундаган Калчага, Кенесарынын башын кескен Ормондун жигити Кожобек менен башты орустарга жеткирип барган Калыгулга мактоо баракчалары менен Алтын медалдарды беришкен. Ормон Ниязбек уулуна жогоруда аталган мактоо баракчасы менен Алтын медалдан тышкары, ага алтын жип менен саймаланган чепкен (халат) да тартуулашкан (В.Бартольд. «Киргизы», Собр. соч., т. 2, ч. 1, 49-6., Рос. тышкы саясат архиви, фонд гл. арх.1-7 д. 0.1.). Кенесарыны жеңген эрдигин баалашып орус өкмөтү Ормон ханга «подполковник» чинин берип, салгылашка катышкан кыргыз өкүлдөрүнө он эки алтын жана күмүш медаль бергендигин орус аскер кызматкери М. Венюков да эскерген (Очерки Заилийского края и причуйской страны, 140-б.).

Кенесарынын баскынчылык жортуулу ийгиликсиз аяктагандан соң орус администрациясы ортомчу болуп, кыргыз жана казак бийлөөчүлөрүнүн ортосунда расмий тынчтык келишим түздүрүүгө жетише алган. Бул келишим 1847-жалдын 22-августунда Казакстандагы Копал (Талды Курган) чебинде болуп өткөн. Келишимдин 1-пунктунда кыргыздар казактар менен тынчтыкта жашоого, эгер чыр-чатак чыгып калса казак-кыргыз заң жоболору менен чечүүгө макул болушат. 2-пунктунда кыргыздардын жерлери аркалуу өткөн соода кербендерине эч кандай зыян тийгизбөөгө, тескерисинче аларга жардам берүүгө милдеттүү болушкан. Казактар болсо 1-пунктта кыргыздардай эле алар менен тынчтыкта жашоого кол коюушкан. 2-пунктта эгер кыргыздар менен чыр-чатакка барса Россия мамлекетинин мыйзамдары боюнча жооп берүүнү моюндашкан. Ормон хан бул элчиликке өзүнүн уулу Үмөтаалыны жетекчи кылып, өкүлчүлүктүн курамы Жантай Карабек уулу, Жангарач Эшкожо уулу жана Токтор Карачоңор уулунан турган төрт кишини жиберет. Казактар тарабынан Али султан Адил уулу башында турган Акиш Абылаев, Рустем Асфандияров, Сөөк Абылаев, Булен Шанхаев, Туганбай Кангелдин, Ачеке Даирбеков, Супатай Алибеков, Дыйканбай Капсалов жана Сары Алтаевдер кол коюшкан. (ЦГА РК, Ф.374. оп.1Д. 1669. Л. 118-119, 128-128 об.)

Кенесары талкалангандан кийин качып кутулган анын балдары жана кошуунунун калдыгы Чимкенттин түндүгүндөгү Сары-Суу деген жерге барып токтошкон. Кенесарынын балдары менен аман калган төрөлөрү Кокон ханына даттанышып, андан Ормон хан башында турган кыргыздарга каршы жардам сурап элчи жиберишет. Кокондогу бийликти кармап турган Мусулманкул аталык казактарга жардам берүүнү шылтоолоп, Ормон хандын мамлекеттин биротоло жок кылуу чечимин кабыл алат. Ал Олуя-Ата чебине сегиз миң кокондук аскерди топтоп, Кенесарынын качып кутулган адамдарынын калдыгы менен кошулуп, 1847-жылдын кеч күзүндө (октябрь-ноябрь) кыргыздарга каршы жортуулга чыгат. Кенесарынын казактарынын жана кокондуктардын кыймыл аракетине көз салып турган Ормондун чалгынчылары алардын аскердик жортуулун алдын-ала Ормон ханга кабарлашкан. Ошол үчүн Ормон кыргыз урууларын тез арада чогултуп, кокондуктарга каршы кыргыз колун алып жөнөгөн. Эки тарап Чүйдөгү Ашпара суусунун боюнда кездешип, катуу салгылашуу болот. Бул согуш жөнүндө 1847-жылдын декабрь айында орус бийлигине жазган кыргыз бийлеринин катында баяндалат. Согуштун жыйынтыгы кокондуктар толугу менен жеңилип, көптөгөн адамы өлүп, айрымдары колго түшөт. Аман калгандары качып барып Олуя-Ата чебине бекинишет. Санжыралык маалыматтарда ушул согушта Ормон хан өзү кыргыз аскерлеринин алдында жүрүп согушкандыгын, салгылашууда Ормондун минип жүргөн күрөң кашка айгырына кылыч тийип өлгөндүгүн айтышат. Кыргыздар кокондуктар дагы кол салышы мүмкүн деп кышка чейин сак-сактап турушкан, бирок Кокон бийлиги кайрадан жортуул уюштура алган эмес. Ошентип Ормон хан бир жылда (1847-ж. жазында, күзүндө) күчтүү баскынчылырдын үстүнөн эки жолу ири жеңишке жеткен. Муну менен ал кыргыздардын жерин коргоп, алардын эркиндигин сактап калууга жетишкен.

Кенесары Касым уулу менен болгон согушка Ормон хан тарабынан чакыртылган кыргыз урууларынын ичинен Боромбай башчылык кылган бугу уруусу келишкен эмес. Боромбайдын Кенесары менен болгон согушка келбей коюшу аны менен Ормон хандын ортосундагы каршылыкты курчутуп, экөөнүн ортосундагы тымызын таймашуунун алгачкы отун жандырган. Кенесарынын баскынчылык жортуулунун ташын-талкан чыгаргандан кийин Ормон хандан кадыр-баркы ого бетер көтөрүлгөн. Ормондун өч алуусунан чочулаган Боромбай күчтүү союздаш издеши керек эле. Андай күчтүү жардам орус мамлекетинен гана келе тургандыгын көрө билген. Ошондуктан ал казактарды талкалагандан бир жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда 1848-жылы, Орусиянын Батыш-сибирь генерал-губернаторуна өз өкүлчүлүгүн жиберип, андан бугу уруусун орус букаралыгына кабыл алышын суранган. Бирок ал мезгилде орус мамлекетинин алардын жообун канааттандырганга шарты жок эле.

XIX кылымдын 50-жылдарынын башталышында түндүк кыргыз урууларынын арасында да орус агенттеринин агитация саясаты уламдан-улам күч алган. Экинчи жагынан Кокон хандыгы дагы жандана баштаган. Алардын эң башкы максаттары кыргыздардын биригүүсүнө жол бербөө жана аларды басып алуу болгондуктан, урууларды бири-бирине тукурушуп, уруулук бытырандылык согушун тутандырышка аракет жасашкан. Мындай иш чаралар кыргыз урууларына өзүнүн таасирин тийгизбей койбогон. Ошондуктан, кыргыз уруу башчылары негизинен орус бийлигин өздөрү тарапка тартышка аракеттенишкен. Ормон хандын бийлигине көбүрөөк көз каранды болушкан Жантай Карабек уулу менен Боромбай Бекмурат уулу бул максатта өзгөчө иш алып барышкан. Алардын Ормонго билдиришпестен орустар менен болгон байланыштарын көптөгөн архивдик материалдар көргөзүшөт. Мисалы, 1851-жылы Жантай менен Боромбай князь Горчаковго жашыруун сүйлөшүү үчүн кат жазып кайрылышкан. Ал эми Кокон хандыгына чектеш жашашкан уруулар иш жүзүндө кокондуктар тыкыз мамиле кыла баштаган.

Бул мезгилде Кокон хандыгында бийлик талашуу өзүнүн жогорку чегине жеткен. Ордодогу чыныгы бийликти кармаган Мусулманкулга каршы күчтөр ачыктан-ачык көрүнө баштаган. Алардын бири Ташкенттин башкаруучусу Нурмухаммед Мусулманкулга каршы күрөштө түндүк кыргыздарын өз жагына тартууга аябай киришкендиги, анын казак төбөлдөрүнө жазган катынан ачык көрүнүп турат. Бирок бул катта түндүк кыргыздары Кокон бийлигинен тышкары тургандыгын билгизет. Ошол себептен Мусулманкул 1851-жылдын башында Ормондун бийлигин күч менен жоготуу максатында Кокон мамлекетинин ири күчтөрүн (15 миңге жакын сыпайлар келген) Олуя-Атага алып келе баштаган. Мусулманкулдун бул планын Ташкенттеги ага каршы уюштурган козголоң гана токтотуп калган. 1851-жылдын күзүндө Мусулманкул Ормон хандын кыргыздарын толук талкалоону көздөп турган мезгилде, Ташкент беги Нурмухаммед Мусулманкулга каршы козголоң чыгарат. Мусулманкул кыргыздарга каршы алып келген Олуя-Атадагы аскерлерди козголоңду басууга алып кетет. Акыры бийлик талашуунун жыйынтыгы, 1852-жылы Мусулманкулдун өлүмү менен аяктаган.

Ушундай саясий кырдаалда, Ормон хан кокондуктардан сактаныш үчүн Орус мамлекети менен байланыштарын күчөткөн, эгерде согуш коркунучу чыкса, орустардын жардамынан үмүт кылган. Кокон ордосундагы ири саясий өзгөрүштөрдөн жана Олуя-Атадагы аскерлерди колдонгон Мусулманкул аталыктын кышында кар түшкөндө капысынан кол салуусунан чочулаган Ормон 1852жылы кышында калың карга карабастан Илиге көчкөн. Бул тууралуу Ормон Ниязбек уулунун 1852-жылы 23-мартта Ысык- Көлдүн түндүгүндөгү Челек жайлоосунан орус өкүлдөрүнө жазган катында айтылган. Бул катта кыпчактардын Олуя-Атага келгендигин баяндап, аларга каршы тураарын билдирип, керек болсо орус букаралыгына өтө тургандыгын баяндаган. Андан тышкары кашкарлык кожолор Кытай мамлекети менен болгон согушка Ормон хандан жардам сурап жатышкандыгын дагы билдирген. Орус башкаруучулардын жообунда, алар кыпчактарга каршы согушту колдоорун жана кытайлык кожолордун ишине кийлигишпөөсүн өтүнгөндүгү жазылган. Ормондун 1852-жылдын кышында Илиге көчкөндүгүн Б.Солтоноев мындай деп баяндайт: Ормон хан Илеге көчкөндө калың карды семиз жылкыларга жиреттирип, жол салып көчкөн, деп жазат.

Ормондун Илеге көчкөндүгүн биринчи себеби, жогоруда айтылгандай, Кокон мамлекетинин кол салуусунан сактануу болгон. Экинчиден, кыргыз жайыттарын кеңейтүүнү көздөгөн, мындан тышкары кыргыз, казактардын бири-биринен мал уурдоолорун басып, казактарга өз бийлигин таркатууга жасаган аракети эле. Ормон 1852-жылы жазында жана 1853-жылы Илени жердеп, эгин эктирип, казактардан алык-салык жыйнатып турган. Ормон хан Илеге келгенден кийин бул жерден орус падышасына Иле дарыясынын сол тарабын кыргыздарга берүүсүн сурап кат жазган. Катта бул аймакты жердеп турган казактарды Кокон хандыгы орустарга каршы үгүттөп, өздөрү тарапка көчүрүп жаткандыгын жүйө келтирип, эгер дарыянын сол жээгин кыргыздарга берсе казактарды көчүрбөй көзөмөлдөп тура тургандыгын билдирген. Иле боюна Ормон хан өзүнүн бийлиги жеткен Кетмен-Төбөдөн берки кыргыздарды жапырт көчүрүп келе ала тургандыгын айтат. Аягында, орус бийлигин ишендирүү максатында Илеге келгенден кийин 700 гө жакын кол алып Олуя-Атага чейин жүрүш жасагандыгын, ал аймактарга көчүп барган Илелик казактарды кайта көчүргөндүгүн баяндайт. Бирок орус өкмөтү Ормондун бийлиги күч алып кете тургандыгын жакшы түшүнүп, сураган аймакты кыргыздарга берүүдөн баш тарткан.

Ормон хандын кокондуктарга каршы орус мамлекетинен жардам сурашы жана анын Илеге көчүп келгендигинен пайдаланып, мындай ыңгайлуу учурду кетирбес үчүн орус бийлиги чечкиндүү аракеттерди жасашкан. Ошондуктан, 1853-жылы июнь айында Батыш-Сибирь генерал- губернатору Улуу жүз казактарынын приставы майор Перемышльскийге Ормон ханды ага таандык бүткүл элдин атынан орус букаралыгына салтанаттуу кабыл алуу үчүн атайын отряд түзүүсү тууралу чечим кабыл алат. Бул талапты орундатуу үчүн майор Перемышльскийдин атайын тобу 1853-жылдын жай айларынын аягында Иледеги Ормондун айылына келишкен. Ормон хан кокондуктарга каршы орустар менен жакшы мамиледе болгондугу менен алардын букаралыгына өтүп, аларга көз каранды болууну чындыгында каалаган эмес. Ошон үчүн орустар менен мамилени бузбай, алардын талабынан кутулууну көздөп, сылык түрдө баш тарткан. Ормон мамлекеттик келишимдерди ишке ашыруу үчүн сөзсүз кат тааныган окумал молдо керектигин айтып, ал эми андай сабаттуу адам азыр ал тарапта жоктугун байланыштуу, ант берүүдөн баш тарткан. Бирок Ормон хан орустарга мындай деп билдирген: «Биз элибизге барганда силерге кошулуу маселесин элге салабыз. Эл ичинде силерге кошулууну да, сарттарга да кошулууну да каалагандар бар. Көпчүлүк эл кандай чечсе иш ошондой болот.» Мында ал элдин эркиндигин билдирип, өз алдынчалыкты жогору койгону ачык көрүнүп турат. Орус өкмөтү Ормондун жообунан кийин анын Россияга кошулбай тургандыгын ачык билишип андан түңүлгөндөн кийин, эми анын кол алдында турган бийлерди өз тарабына тартып, ага каршы коюга өткөн. Ормон хан элижурту менен 1853-жылдын күзүндө, Иле боюнан өзүнүн эзелки конушу болгон Ысык-Көлдөгү Байсоорунга көчүп келген.

Кенесары Касым уулунун орустарга каршы аскердик күчтөрү жок кылынгандан кийин, орустардын кыргыздардын жергесине басып кирүүсү өтө жеңилдеген. Ошондуктан алардын кишилери соодагерлердин, молдолордун ж.б. кейпин кийишип, кыргыздарга көбүрөөк келишип, алардын арасына орус мамлекетине өтүү тууралуу үгүт иштерин жайылтышкан. Кокондуктардын кысымынын өсүшү жана Ормон хандын Иле боюна көчүп кетиши кыргыз уруу башчыларынын орустар менен болгон байланышын чыңдаган. Ормондун бийлигинен чыгарып бугу уруусунун Россия тарабына өткөрүш үчүн алардын манабы Боромбайдын жанында жүргөн орус агенттери, өзгөчө Файзулло Ногаев мындан өтө кылдат пайдаланган. Алар Боромбайга жана бугунун манаптарына түрдүү убадаларды беришип, оруска кошулса алар кандай артыкчылыкка ээ болорун талбай түшүндүрүшкөн. Орус бийлиги бугулардын бийлерине ким каршы болсо коргоп кала тургандыгына ишендиришет. Акыры Боромбай баш болгон бугу бийлери өз өкүлдөрүн дагы бир жолу 1853-жылдын сентябрь айында Омскидеги Батыш-Сибирь генерал-губернатору Гасфордго кат менен жөнөткөн. Катта алар орус букаралыгына кабыл алуусун өтүнүп, айланасындагы уруулардан, өзгөчө кокон хандыгынан качан кол салат деп, күнү-түнү менен коркуп жатабыз деген. Орус мамлекети үчүн бугу уруусу ээлеп турган Кашкарга өтүүчү жол өтө маанилүү болгондуктан, алар Боромбайдын өтүнүчүн аткарабыз деп убада беришкен.

(А.Хасанов. Из истории Киргизии XIX века, 1955).

Ормондун Байсоорунга кайра келишинде, орустардын жардамынан үмүт кылган Боромбай анын бийлигине баш ийбөөгө аракет жасай баштаган. 1854-жылы кыш айында Ормондун конушун өрүлүктөп келишкен бугу өкүлдөрү менен сары багыштардын ортосунда тогуз байтал сайышып ордо оюнун уюштурушат. Бул ордо оюну тууралуу оозеки чыгармаларда өтө көп варианттуу материалдар сакталып калган. Ордодон утулуп жаткан Боромбай өз ордочусу Чыймылды Ормондун уруксаты менен Жети-Өгүздөн алып келет. Оюнду сары багыштар башташат. Сары багыштардын чертмекчиси Алыбек атып жатканда Боромбай ага акырын көз кысып коет. Алыбектин уругу саяк болуп, Ормонго жигит катары кызмат өтөгөн. Бирок ал бугунун атактуу жигиттери менен (Боромбайдын бакма уулу Кылыч, Нышанын уулу Мырза ж.б.) дос болуп мамиле кылып жүргөндүктөн, Боромбайдын көңүлүн кыя албай эле жыдып калганын Ормон байкап калат. Мындан кийин кезек бугуга келип, чертмекчи Чыймыл бардык чүкөлөрдү атып чыгарып, бугулар утат. Уткан тогуз байталдардын бирин Ормонго хан катары «хан тартуусун» жасабай, Боромбайдын жигиттери бардыгын алып кетишкени Ормонго тең аталык кыр көрсөтүүсү болгон. Буга Ормон ызаланып калат да, бир аз мезгил өткөндөн кийин Алыбекке жигитин жиберип, ага берген «кара келтеси эскирди берсин», деп айттырат. Кара келтенин окуясы мындай болгон. Өз убагында Ормондун кичүү аялы Уулбала улуу жүз казагынын атактуу байынын кызы болуп, түшүндө «ай кучактап жатыптырмын» деп, Ормон ханга күйөөгө тиймекчи болуп, эркекче кийинип казактардан качып чыгат. Кыргыздын жерине келгенде, Ормондун айылын кароолдоп жүргөн Алыбек Кетирекей уулу баштаган Ормон хандын кароолдоруна кезигет. Алыбек аны Ормонго алып келгенде кыз башындагы тебетейин чечет. Анын өрүлгөн узун чачы такымды көздөй кулаганда, кыз бала экендиги билинет. Кыздын Ормонду издеп келгендигин уккан Алыбек жолдугун сурайт. Ормон ага өзүнүн чебер устасы жасаган, алыска атуучу «кара келтесин» берет. Эми ошол «кара келтени» кайра берсин деп келген Ормондун жигитине Алыбек: «Кара келте эскирсе, анын аялы Уулбала да карыды, аны мага берсин», – деп жооп берген. Мындай жоопту айтып койгону менен Алыбек Ормон хандан коркуп, бүт айылы менен Көлдүн башындагы Боромбайдын айылына көчө качат. Ормон хандын: «Качкынды кайтарып берсин», – деген талабына Боромбай: – «Күйкөдөн качкан чымчык караганга корголойт тура, биз эмне караганчалык жокпузбу, Ормон баатырдын бир ишин биз деле билип коелу», – деп жооп берет. Сөзгө жыгылган Ормон хан ошону менен калып калат. Бирок Боромбайдын жообу анын бийлигинин бугуларга жетпей калгандыгын билдирген. Көпчүлүк санжырачылар ордодон чыккан чатакты бугу, сарбагыш уруусунун чабышынын башкы булагы катары карашкан, чындыгында бул жөн гана шылтоо болгон. Эгерде бул ордодо чатак болбосо, ал эртеби же кечпи сөзсүз болушу керек эле. Себеби кыргыз уруулары бири-бирине каршы коюп, алардын биригүүлөрүнө каршы болгон Орус империясынын саясатынын негизи ошого алып келген. Кыргыздардын уруулук бытырандылыкта болушуп, бири-бири менен тирешиши алардын басып алууларын тездеткен.

Ошол эле 1854-жылдын жай айында Батыш Сибирдин генерал-губернатору Густаф Гасфорд бугу уруусунун өкүлдөрүн Россиянын букаралыгына өтүүгө ант бергенге Омски (Омбу) шаарына чакырат. Бугу бийлери сүйлөшүп, элчиликке Качибек Шераалы уулун жөнөтүшөт. Ал 1854-жылдын 26 сентябрында эки жигиттин коштоосу менен Омски шаарына келет. Генерал-губернатор Гасфорд 1854-жылдын 13-октябрында Тышкы иштер министирлигине бугу уруусун кабыл алуу долбоорун жөнөтөт. Эки айдан кийин Санкт-Петербургдан жооп келет. Падыша Николай Биринчи жана Тышкы иштер министирли ги Гасфорддун долбоорун толук колдошот. 1855-жылдын 17-январында губернатордун сарайында Качибек Шераалы уулу колуна куран кармап, бугу уруусу Россиянын букаралыгына өткөндүгү жөнүндө ант берет.

Бугу бийлеринин орустардын карамагына өтүү ишчарасы жашыруун болгон. Бул тууралуу Ормон хандын толук маалыматы болбосо керек. Бирок, ал бугу уруусунун анын бийлигинен чыгып бара жаткандыгын эң сонун көрүп турган. Андыктан ал өз бийлигин калыбына келтирүү үчүн аракет жасай баштаган. Буга шылтоо көп узабай эле табылган. Сары багыштардын чагалдак уругунан бир адам бугуларга жаздык үрөн издеп барса, алардын көпкөн балдары аны өлтүрүп, көлдүн баткагына ыргытып жиберишкен. Тууганымды өлтүрүп коюптурсуңар, бугулар кунун берсин деп жигиттерин жиберсе, Боромбай: «ал мал уурдаганы келип өлүптүр, ууруга кун жок» – деп, өзүңүз айткансыз деген жооп айтып, элчини кайра жөнөтөт. Шылтоо таппай турган Ормон, Адыл баатырды башчы кылып, кунду бугулардан алып келгиле деп, жигиттерин жиберип талап кылганда, бугу бийлери кеңешип кундун жылкысын чогултуп беришет. Кундун малына он чакты жылкы жетпей калганын билген Ормон, Адылды кайра калган жылкыны толук алып кел деп жөнөтөт. Муну көрүп турган Ормондун уулу Чаргын атасына «ата ошол биртике жылкыны тим койбойлубу, уят эмеспи» дегенде, атасы «сен эмнени билесиң» деп жооп бериптир. Бул окуялар Ормон менен Боромбайдын тирешүүлөрүнөн, кимдир бирөөсү артка чегинүүсүнө алып бара жаткандыгын күбөлөйт. Ошентип, 1855-жылдын эрте жазында бугулардын орустардын букаралыгына өткөндүгү тууралуу кабар тарай баштаганда, Ормон Боромбай кудасын орус бийлигинен баш тарттырууну ойлоно баштаган. Бугу менен сары багыштын кыштоолорунун чектешкен жери Күрмөнтүнүн оюунда жаздоодо турган Ормондун койчулары өйдө карай көчөбүз деп турганда, Ормон аларга жүз чакты борукту калтырып кетүүнү айтат. Койчулар: «Ээ кокуй булар бул жакта калса, бугунун балдары айдап кетпейби,» – дешсе, Ормон: «Ошол айдап кетсин деп калтырып жатпаймынбы, булар биздин бугу менен сүйлөшкөнүбүзгө «күчала» болот», – деген жооп айткан экен. Ушулардын бардыгы Ормон хан менен бугу уруусунун бийлеринин ортосундагы мамилелер орус басып алуучуларынын саясатынан кийин кескин курчугандыгын көргөзүп турат.

Ормон хан бугу уруусунун орус тарапка өтүп кеткендигин толук билгенден кийин, аларды тез аранын ичинде баш ийдирип, кыргыз хандыгынын бүтүндүгүн сактап калууга аракет жасоого өткөн. Ал 1855-жылдын апрель айынын экинчи жарымында, уулдары Үмөтаалы, Чаргынга, Төрөгелди баатырга, Жантайга байланышпай эле, өз айылындагы жигиттер менен гана капысынан Боромбайдын айылын басып, аны баш ийдирмекчи болот. Ушул максатта 1855-жылдын апрель айынын аягы, май айынын башы чендерде жүзгө жакын чакан жигиттери менен Боромбайдын айылына кирип барууну көздөп, Түптүн этегине аттанып чыгат. Ормондун эртеби, кечпи кол салаарын билген Боромбай өз жигиттерин буга даярдап, бугу уруусунун көп адамдарын жайлоого көчүрбөй кармап турган. Анын айланасында беш жүздөн ашык жигиттер жыйылып турган. Ормон хандын тобу Кудургунун белине жакындап барганда, жол тосуп жүргөн бугунун жигиттери сары багыштын адамдары чакан экендигин көрүп, бийлер менен кеңешип олтурган Боромбайга кабар берген. Бийлер айтат: Ормон айлакер киши эле, алып келген аскерин жашырып койбосун, жакшылап карагыла»,- дешет. Алар Ормондун алып келген кошууну жоктугуна толук көздөрү жеткен соң, бугунун балдары аларга каршы ат коюшуп жабыла көтөрүлгөндө Ормон жигиттерин кайра кеткиле деп буюрган. Ал өзүнүн максатынын Боромбайдын андан да ашкан айлакерлигинин аркасында ишке ашпай калганын көрүп, бекер кан төгүлбөсүн десе керек. Өзү болсо кадыр-баркына ишенип, Адыл баатырдын Аксурду минип качыңыз дегенине карабай, жанындагы жан жигити Ашыр менен каптап келе жаткан бугунун жигиттерин тосуп, Кудургунун дөңүнө чыгып, аттан түшүп отуруп калган. Ал бугунун жигит тери өзүнө тийбей тургандыгына ишенип, качкандан намыстанып, сөз менен болсо да, Боромбай менен беттешкиси келсе керек.  Жолдо күтүп калган Ормон ханды ат коюп келишкен жигиттер курчап алганда, алардын арасынан Нышанын уулу Мырза найза менен карууга сайган дешет (ошон үчүн кийин ханга кол көтөргөн дешип, сары багыштар Мырзаны издешкен). Ормондун колго түшкөндүгү тууралуу Боромбайга айтышканда, ал жанындагы ар кайсы уруктун төбөлдөрү менен Ормонду эмне кылуу керектигин кеңешет. Ар ким ар кандай пикирди айтышат. Бири аны Текестеги жылкычыларга берип, алты ай кармагандан кийин сүйлөшөлү дешсе, айрымдары сары багыштар менен чатакташпай аттаптондоп сый мамиле менен узаталы дешет. Бир маалда талаш басыла түшкөндө, сары багыштардын ичинен бугуларга качып барган Алыбек: «Ормон силерди бекеринен катын бугу дебейт экен. Колго түшкөн коёнду, коё берсе болобу дегендей силердин колуңардан келбесе мага бергиле, өзүм тындым кылып коём», – дейт. Боз үйдүн босого жагында отурган Балбай мындай сөздү укканда үндөбөстөн эшикке чыгып кетет. Ал үйгө жөлөп койгон найзасын жерге бир чаап сындырып, башындагы бөрү тил темирин чепкенинин жеңине катып, Ормонду карай жөнөйт. Ызаланган Балбай баатыр Ормонго келип, аксакалдар аны чакырып жаткандыгын айтып, атка мингизгени колтугунан жөлөп, аттандырып жаткан учурда жеңинин учуна салып келген найзанын учу (шиши) менен табарсыкка саят да, Ормонду катуу жарадар кылып, атын моюнга бир салып, чаап кетет.

Ушул жерде тактай турган маселе Ормонду колго түшүргөндүгү жөнүндөгү окуя. Семенов Тянь-Шанскийдин жазып калтырган маалыматта бугу, сары багыш айдын караңгысында чабышып, Ормон менен Боромбайдын багып алган уулу Кылыч беттешкенде, Ормонду Кылыч сайып түшүргөн деп жазган. Ал эми кыргыз оозеки тарыхын мыкты билген бардык санжырачылар, алардын ичинде Ормон хандын тикелей урпактары дагы Ормонду Балбай табарсыкка сайып өлтүргөнүн айтып келишкен. Кылыч жөнүндө бир да сөз айтылбайт. Ормондун небере, чөбөрөлөрүнүн баары чоң атасы ким колдуу болуп өлгөндүгүн, анын кунун кууган канчалаган адамдар курман болгонун эң жакшы билишкен. П. Семенов дагы Ормондун өлүмү тууралуу Боромбайдан жана анын тегерегиндеги адамдардан уккан. Мындан улам, Семенов алган маалыматтын тууралыгына шек жаралат. Боромбай орус бийлигинин өкүлүнүн алдында, өзүнүн кадыр-баркын жогорулатыш үчүн балам өлтүрдү деп айтып койсо керек. (Кылыч Боромбайдын бир тууганы Киркенин баласы болгон. Аны Боромбай багып алган).

Жарадар болгон Ормонду күйөө баласы Боромбайдын уулу Өмүрзактын үйүнө алып барышат. Найзанын учу кирген жаракатынан кан агып, шишип баратканда, кызы Кулан, жигити Ашыр ириң чапкан канды соруп салалы дешкенде, «жаракат силер соро турган жерде эмес» деп болбой койгон дешет. Ал 1855-жылы жазайында, орозонун түнүндө, жылдыз толгон маалда жарык дүйнө менен кош айтышкан деп, урпактары айтып келишкен. Ормондун өлгөн жылы тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келген. Айрым тарыхчылар аны 1854-жылы өлгөн дешсе, көпчүлүгү 1855-жыл деп беришет. Алгач ушул саптардын автору дагы Ормон хан 1854-жылы каза болсо керек деген калпыс пикирди карманып жүргөн. Бирок кийинки мезгилде архивдик материалдын үстүнөн иштөөдө, анын 1855-жылы жаз айында, тагыраагы апрель менен майдын ортосунда каза тапкандыгын кабарлаган маалыматар бар. Аларды кененирээк кийинки изилдөөлөрдө жазабыз деген ниеттебиз. Ормон хандын өлүмүн кабарлаган бугу бийлеринин орустарга жазган алгачкы каты 1855-жылдын 18-июлунда жазылган. Ал эми Ормондун куну үчүн болгон алгачкы бугу-сары багыш чабышы ушул жылдын күз айында башталат.

Ормон өлгөндөн кийин Боромбай баштаган бугу бийлери тез арада Текеске көчүү чечимин кабыл алышат. Ормондун сөөгүн буурага жүктөп, анын кызы, Боромбайдын келини Куланга ата-журтуна алып баруусун суранышат. Кулан кайын атасын карап туруп: «ханды өл түргөнгө жараган калың бугу, кайсы салт менен мени жалгыз жибересиңер. Жок дегенде төөнү айдап барганга бир киши кошуп бербейсиңерби», – деген экен. Ошондо калың эл үндөбөстөн тымып туруп калган дешет. Айласы куруган Боромбай «кызым алчу кишиңди өзүң тандап ал» дейт. Кулан элди айланта карап туруп, бугунун ичиндеги бөлөкбай саяк уругунан Алсейит деген он үч жаштагы баланы тандаптыр. Баланын ата-энеси Куландын алдына келип жыгылып, балабыздын кашык канын соогат бер дешип буркурап ыйлашат. Кулан аларга менин кара башым аман болсо балаңардын башынан бир тал чач түшпөйт, эгер мен өлүп калсам анда айла жак, деп жооп берет.

Кулан балага буураны айдатып алып, атасынын сөөгүн Түптүн боюнан алып чыгып, Кичи-Ак-Сууга карай жөнөйт. Ормондун айылы Кичи-Ак-Суудагы Кырчындын оозунда экен. Кулан Байсоорн суусун кечип өткөндөн кийин, атасынын айылына чейин эч бир тынбастан атасын кошуп, кошок айтып келиптир.

Көлдүн сыртында жүрүшкөн Ормондун уулдары Үмөтаалы менен Чаргынды күтүшүп, алар келгенден кийин сөөктү ошол Кырчындын оозуна жуушкан. Өлүк жуулган жерди адамдар тепселебесин деп Калыгул олуя ал жерге кара өрүктүн (кайналы) данегин септириптир. Жаз мезгили болгондуктан кара өрүк өнүп, кийин калың бакка айланган. Адамдар ал жерди Ормон хандын сөөгү жуулган жер деп мазарга айлантышкан. Бул мазар азыр да сакталып турат. Ормондун сөөгүн ал мезгилдеги кара жолдун боюу болуп эсептелген Кичи-Ак-Суунун сол жээгиндеги, көлгө жакын төмөн жактагы «Кара Молонун оюу» деген жерге коюшуп, коргон тургузушкан. Бул аймакка орус келгиндери келип айыл түшкөндөн кийин, коргондун айланасын сугат жерлери катары колдонушкан. Ошол себептен коргон 1940-жылдардын ичинде кулап түшүп,уранды дөбөгө айланып калган. Коргондун урандысын тарыхчы-илимпоз Р. Нуров 1951-жылы экспедицияга барганда көрүп, ал тууралуу жазып кеткен.

Ормон хан 1842-жылдан 1855-жылга чейин он үч жыл бою кыргыз урууларын бириктирип, Кыргыз көчмөн мамлекетин түптөөгө аракет кылган. Анын өлүмү менен көчмөн мамлекеттин калыптануу процесси да кошо токтолду. Анын өлүмүнөн кийин Орус империясынын жүргүзгөн трайбалисттик бөлүп-жаруу саясаты ишке ашып, уруулар аралык согуш оту тутанды жана кыргыздарды Орус империясынын басып алуулары башталды. Ормон хан түзгөн кыргыздардын акыркы көчмөн мамлекети өтө татаал тарыхый шартта түптөлө баштаган. Себеби, кыргыздар жашаган Түркстан аймагы XIX кылымдын ортосунда дүйнөлүк ири баскынчы мамлекеттердин басып алуучу объектисине айланган мезгил эле. Түштүк тараптан дүйнөдөгү ири колонизатор өлкө Улуу Британиянын басып алуулары Индиядан Афганистанга чейинки аймакка жетип калса, түндүк тараптан кургактык аркалуу дагы бир чоң баскынчы мамлекет Россиянын аскер күчтөрү түздөн-түз Түркстан аймагына кирип келген. Ал эми Кыргызстандын аймагына бийлик жүргүзүп турган Кокон хандыгынын өздөрү тышкы мамлекеттердин алдында басылып жок болуу абалына жакындап калган болчу. Ормон хан жеке өзүнүн лидерлик сапаты менен Кокон хандыгындагы саясий кырдаалдан туура пайдаланып, кыргыз жерин кокондук эзүүчүлөрдөн бошотууга жетише алган. Ошону менен катар кыргыздардын мамлекеттик түзүлүшүн кайрадан түптөөгө киришкен. Ал ички жана тышкы кыйратуучу факторлорго карабастан, кыргыздардын салттуу саясий бирикмесин он үч жыл боюу өз алдынчалыкта кармап турду.

Кыргыз мамлекетинин калыптануу процессине кыргыздардагы уруулук бытырандылыгы, борбордук бийликтин жазалоочу институттарынын алсыз болушу жана мамлекеттик казынанын жоктугу жолтоо болгон. Ормон хан буларды акырындык менен жолго салып келе жаткан. Уруулардын биримдигин хандык бийликти күчөтүү менен жана кыргыз каада-салтын пайдалануу аркасында бекемдеп баштаган. Мыйзам буучуларды ар кандай жарлыктарды чыгарып, дарга жана орду (зынданды) колдонгон. Хандын атайын жасоолдору иштеген. Каржы маселесинде салыктарды чогултуу, соодагерлер менен ар түрдүү категориядагы адамдардан бажы алуу жана туяк пул каражатын чогултуу жумушун аткарган адамдарды топтогон. Мындай башкаруу системасын бекиткен Ормон хандын мыйзамдарын карапайым калк «Ормон окуу» деп атап алышкан. Ушул сыяктуу жолдор менен түптөлүп жаткан кыргыз мамлекетине тыштан дагы тынымсыз жолтоолор болуп турган. Аларга биринчи кезекте кыргыздардын көз карандысыздыгын тааныгысы келбеген, өздөрүнүн үстөмдүгүн сактап калгысы келген Кокон хандыгы кирген. Андан башка казак Кенесарынын баскынчылык жортуулу жана эң башкы коркунучту түзгөн Россия империясынын колонизаторлук саясаты болгон.

Ормон хан кыргыз хандыгын сактап калуу үчүн активдүү тышкы саясатты жүргүзгөн. Ал Кокон хандыгына жана казак султандарына каршы куралдын жардамы менен каршылык көрсөтүп, элин-жерин коргогон. Ошондой эле аларга каршы күрөштө Ормон хан Россияны кыргыздар тарабындагы союздаш мамлекет кылып көрсөтүүгө аракеттенген. Ал эми орустардын басып алуучулук ниеттерине келгенде Ормон кыргыздарды Кокон хандыгына кошулуп кетишинен ооздуктап турган саясатчы болуп көрүнүп, эгер алар кысымын күчөтсө орустардын душмандары тарабына өтүп кете тургандыгын кылдат дипломатиялык мамиле менен түшүндүрүп турган. Көрүнүп тургандай Ормон хандын тышкы саясатынын негизги багыты душман мамлекеттерин бири бирине каршы коюу менен алардын ортосунда амалкөйлүк менен саясий манёвр жасоодон (лавирование) турган. Жакынкы жана ички душмандарга ар кыл айла-амалдарды жасоо менен жүрөктөрүнүн үшүн алган. Ормон хандын бул саясаты карапайым элдин ичине «Ормон опуза» деген аталыш менен тараган.

Ормон хандын мамлекети өз мезгилиндеги эл аралык саясий кырдаалдан улам жашоосун токтоткон. Бирок ал кыргыз коомчулугуна зор таасирин берген. XIX кылымдын ортосунда кыргыз көчмөндөрүнүн мамлекетинин пайда болушу, алардын жеринин аймактык бүтүндүгүн тышкы баскынчылардан сактап калды. Экинчиден кыргыз коомунун уюмдашуусуна жаңы дем берген. Эл аралык чөйрөдө кыргыздарды жапайы көчмөн эл катары эсептеп, «жапайы, таш кыргыздар» деп шылдыңга алып, аларды эч нерсеге жөндөмсүз караңгы калк деген жасалама пикирди жокко чыгарган. Ормон хандын көз карандысыз мамлекети кыргыздардын саясий уюмдашуусу жогору, өз алдынча башкаруу системасы бар, салттуу мамлекет курууга деңгээли жеткен эл экендигин эл аралык аренага көргөзө алды. Кыргыздардын кылымдардан бери эңсеп келген өз алдынчалыгына жетүүсүнө дагы бир кадам жасалган. Эң башкысы дүйнө элине кыргыздар эркиндикти сүйгөн тоолук калк экендигин тааныта алышты. Ормон хандын мезгилинде кыргыздардын коомдук аң-сезиминде пайда болгон өз алдынчалыкка умтулуу идеялары, акыры XX кылымдагы суверендүүлүккө жетүү кыймылынын башаты болгондугу талашсыз чындык.

Ормон Ниязбек уулунун саясий ишмердүүлүгүнөн тышкары, элдик фольклордо анын жеке инсандын сапаттарын кабарлаган өтө бай маалыматтар сакталып калган. Ормонду көргөн адамдардын айтуусунда анын боюу бийик, орто семиз, кара сакал адам болгон дешет. Б. Солтоноев Ормон атка мингенде эки тизеси аттын кулагына жакындаган чоң адам болуп, чепкенин ээр-токумдун алдына салып кымтымбай, аттын соорусун жаптырып коё берип жүргөн көрнүшүн сүрөттөп жазган. Мүнөзү олуттуу болуп, эл алдына сүйлөгөндө чечендиги билинип турган. Анын айтканынан кайтпаган бекемдиги болгон.

Ормон үй-бүлөлүк турмушунда аялдарын өтө кадырлап: «Ат сыйлаган жөө калбайт, аял сыйлаган ачка калбайт», – деп көп айтчу экен. Ал төрт аял алган. Кусубалды байбичесинен Үмөтаалы, Чаргын (Осмонаалы), Аалы, экинчи аялынан Үсөн, үчүнчү аялдан Бакал, кичүү казак аялы Уулбаладан Сейилкан ысымдуу алты уулу жана бир нече кыздары болгон. Алардын арасынан акылмандуулугу, таланттуу кошокчу-акындыгы менен таанымал болгон кызы Кулан элдин эсинде калды. Мындан тышкары багып алган асыранды уулдары да бар экен.

Ормон элдик өнөрпоздорду өтө кадырлап мамиле кылган. Өзү дагы комузда кол ойнотуп чертип, залкар күүлөрдү чыгарган таланттуу адам болгон. Кыргыздын залкар таланты Алымкул Үсөнбаевдин эскерүүсүндө, Ормон хандын чыгарган күүлөрүнүн ичинен бизге белгилүү болгону «Чоң Ормондун Кара өзгөй» күүсү болуп эсептелинет. Бул күүнүн кандай чыгарылган тарыхын айтып жана аткарып бергендигин белгилүү фольклор жыйноочу Каюм Миифтаков 1921-жылы, Талас өрөөнүнөн Алымкул төкмөдөн жазып алган (Кол жазма КР УИАсынын КЖФсында сакталуу). «Кара өзгөй» күүсү тууралу булар эскерилет. Ормондун казак аялы Уулбала дагы чоң таланттуу киши экен. Ал өтө жакшы ырдап, домбураны кол ойното черткендиги даңазаланып айтылып калган. Ормон хан аялы Уулбаланын жанында комуз чертип кол ойнотуу маалында колу аялынын бетине тийип, анын мурду канап кетет. Аялы бетин жууп, канын тазалагандан кийин, Ормон кокустуктан таарынтып алган аялынын таарынычын жазуу үчүн ушул күүсүн чыгарган экен. Күүдө кол ойнотулуп, таарынып калган аялынын маанайын көтөрүш үчүн ага кара өзгөйлөнүп тийишип, аркамды тырмап бер деген жерлерин Алымкул ырдап аткарган. Ормондун элдик өнөргө болгон урматын анын балдары дагы улантышкан. Кызы Куландын эң сонун кошокторунун айрым саптары эл оозунда сакталып калган. Ал эми таланттуу Уулбаладан төрөлгөн уулу Сейилкан чебер комузчу болуп элге таанылган. Ал комуз күүлөрүн ушунчалык көп билип, аларды өтө мыкты аткарган экен. Каркыра жайлоосунда элдин талабы менен Сейилкан Ормон уулу чебер комузчу жана залкар акын кадимки Арстанбек Буйлаш уулу менен күү алышып, комуз чертишкен. Жарданып карап турган элди таңкалтып, эки талант жарым күн токтобой биринбири улап комуз ойношот. Акыры Арыстанбек ордунан туруп: «Ырдын кени менде болсо, күүнүн кени Сейилкан сенде экен. Сен жеңдиң», – деп элге карата айтыптыр. Сейилкан орус колонизаторлору кыргыз жергесин басып алган мезгилде Ысык-Көлдүн Корумдусунда көз жумган. Ысык-Көлдүн комузчулар мектебинин негиз салуучулары Карамолдо Орозов, Чалагыз Иманкуловдор Сейилкандын окуучулары-шакирттери болушкан. Сейилкандын уулу Чоң Муса (комузчу Муса) чоң комузчу болуп, 1939-жылдагы кыргыз маданиятынын 1-декадасында сыйлыктарга ээ болот. Сейилкандын күүлөрүн Кыргыз радиосуна жаздырганда, бай-манаптын өкүлүнүн күүлөрүн албайбыз дегенде, алардын көпчүлүгүн элдик күүлөр деп жаздырганбыз деп эскерген эле ыраматылык фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу агайыбыз.

Ормон кыргыздын чеберлерине өзгөчө мамиле жасап, каржылык жактан камсыздап, айылына алып келип багып тургандыгы маалым. Алардын арасынан белгилүүлөрү Жумгалдан манасчы Сагымбайдын атасы Орозбакты, Нарындан кадимки Тоголок Молдонун чоң атасы комузчу-акын Музоокенин алдырып келиши далил боло алат. Ормондун колунда чоң комузчу, чоорчу, сурнайчы Күрөңкөй дагы турган.

Ормон кыргыз элине окуп билим алуу менен гана өсүп өркүндөй тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасап, атайын молдолордон балдарды окуткан. Ал кыргыздын тарыхына кызыгып, өзүнүн молдолоруна кыргыз тарыхы тууралуу «Жооп наама» деген китепти жаздырткан. Бул китеп 1898-1899-жылдары Белек Солотоноевдин колуна тийген. Ормон хандын окуп билим алып, өнөр үйрөнүү менен гана башка элдерге кыргыз калкы тең келе ала тургандыгын алдын ала билип, айткандыгы тууралуу тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу мындайча баяндайт. Ормондун уулу Үмөтаалы Омбудагы орус өкүлдөрүнө барып, алар менен тамырлашып-достошуп, сыйын көрүп конокто болгондо, орустар шаар куруп, чеп салышка ыңгайлуу жер сурашат. Үмөтаалы казактын жери деп Алма-Атанын ордун көргөзөт. Муну атасына келип айтканда, Ормон хан: «Уулум жашсың, массың, атам билет деп айтпайсыңбы, жер бергениң эл бергениң, эми балдарга ошол орустун өнөрүн үйрөткүлө», – деген экен. Ормондун согуштук өнөрү, аскердик чебер кол башчы лык сапатын изилдөө али алдыда турат. Кыргыздардын көчмөнчүлүк салтындагы согуштук тактиканы колдонуп, көчмөндөрдүн жоокерлери менен ири жеңиштерди жараткан кыргыздын акыркы аскер башчысы Ормон Ниязбек уулу болуп эсептелинет. Анын эл бийлөөчүлүк өнөрү жана жеке ишмердүүлүгү тууралуу көптөгөн аңыз сөздөр эл арасында айтылып келет. Ормон Ниязбек уулунун ишмердүүлүгүн, тарыхый ордун, жеке инсандык сапаттарын изилдөө-келечектин иши. Бул чакан макалада анын бардыгын ачып берүү мүмкүн эмес.

(Макала 1992-жылы жазылып, «Аалам» газетасынын № 9-10-11-сандарында жарыяланган. Мында оңдолуп түзөтүүлөр менен сунушталууда.)

                                           РЫСКУЛ ЖОЛДОШОВ

«1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШТҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА КЫРГЫЗ МАНАПТАРЫНЫН ОРДУ»

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири – 1916-жылы болуп өткөн «Улуу Үркүн» эсептелинет. Орус баскынчыларынын колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин бул көтөрүлүшү жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет. Албетте, орус падышачылыгынын аёосуз эзүүсүнө кабылган жана жер-суусунан, жайыттарынан айрылган кыргыз эли, дүйнөлүк 1-согуштун кесепеттеринен келип чыккан оор абалга каршы массалык түрдө көтөрүлүшкө чыккан. Ошондуктан көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү эл болгондуктан 1916-жылдагы «Үркүн» – элдик боштондук кыймыл деп аталат. Бирок, көтөрүлүш канчалык элдик болбосун анын чыгышын жана жүрүшүн уюштурган жана жетектеген инсандардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан 1916-жылдагы көтөрүлүштө да элди жетектеген кыргыз инсандары болгон. Алар совет мезгилинде өз бааларын алмак түгүл, «эзүүчү бай-манап» деген шаблон менен жаманатты болушкан. Көтөрүлүштүн жетекчилери совет мезгилинен кийин деле толук кандуу изилденбей, татыктуу бааларын алыша элек.

Падышалык Россиянын өзүнө көз каранды болгон элдерге жүргүзгөн колониялык эзүүсү дүйнөлүк 1-согушка карай жогорку чегине жеткен. Мындай эзүүгө чыдабаган колониялык элдер, анын ичинде орустар «Орто Азия» деп атап алган, мурдагы Түркстан аймагындагы бардык калктар орустарга каршы нааразычылыктарын билдире башташкан. Өзгөчө 1916-жылдын 25-июнунда жарыяланган Николай IIнин жергиликтүүлөрдү тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө буйругу Түркстандагы калктын массалык каршы чыгууларына алып келген. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды жердеген элдердин ичинде толкундоолор байкала баштаган. Россия империясынын мурдагы коргоо министри А.Н.Куропаткиндин аскердик-тылдык кара жумушка Түркстандагы дыйкан калктарга караганда, көчмөн элдердин адамдары көбүрөөк пайызда чакырылсын деген чечими казак-кыргыздардын куралдуу көтөрүлүшкө чыгуусуна жол берген. Ошондуктан элдик толкун эң жогорку чегине жеткен аймак катары Түштүк Казакстан жана Кыргызстанды атасак болот. Падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы буйругуна жооп катары кыргыз менен казактын баш кишилери жер-жерлерде кеңеш курушуп, аскердик кара жумушка балдарын бербейбиз деп чыга баштаган. Андай чогулуштардын бири казак, кыргыз канатташ жашаган Каркыра жарманкесинен 15 чакырым жердеги «Каман-Карагай» деген жерге 10-июль күнү болгон. Ал жерге Жаркен уездинин Мерке, Чилик, Тору Айгыр, Сарытогой, Көңкөбүргө, Кожмамбет, Бөлөңгү болуштуктарынын казактары жана кыргыздар чогулуш өткөрүп, анда тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жө нүндө падышалык буйрукка баш ийбөө чечимин кабыл алышканх [7.-36-б.]. Бул каршылашуу карапайым калктын колуна курал алып көтөрүлүшкө чыгуусуна алып келген. Жалпы Түркстан аймагындагы элдердин ичинен курал менен баскынчылардын аскерлерине каршы чыккан жалгыз кыргыз-казактар болгондугу, аларда ошол мезгилдеги жоокерчилик менен эркиндикти сүйгөн көчмөнчүлүк рухтун сакталып тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Өзгөчө жалпы эл катышкан массалык куралдуу көтөрүлүш Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында болуп өткөн. Аталган аймактагы элдин нааразычылыктарын колдоп, көтөрүлүштү уюштурууга катышкан инсандар жөнүндө сөз кылсак, анда алардын көпчүлүгү жер-жерлердеги кадыр-барктуу, манап тукумдарынан чыккан адамдар болгон. Мисалы, көтөрүлүштүн катышуучусу жана жетекчилеринин бири Б.Солтоноев орус администрациясына нааразы болгон көпчүлүк кедей адамдарга кошулуп, «бай-манаптардын көбү көтөрүлүш чыгарууга ыктыяр болду» деп жазат [4.-95-б.].

Боштондук кыймылдын катышуучуларынын эскерүүлөрүндө, көтөрүлүш башталар алдында Чүй, ЫсыкКөл, Нарын аймактарындагы кыргыздардын жергиликтүү аттуу-баштуу адамдарынын арасында өз ара жашыруун сүйлөшүлөр болгондугу баяндалат. Алардын көпчүлүгү ата-бабасынан бери эл башкарып келген атактуу манаптардын тукумдарынан болуп, эл арасындагы кадыр-барктуулардан эле. Мындай жыйындардын бири тууралуу көтөрүлүштүн катышуучусу, 1880-жылы туулган, Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун колхозчусу – Солтонбеков Ырысаалы эскерет. Анын сөзүндө июнь айында Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү кыргыздардын эл башчылары орус өкүмөтүнө болгон элдик нааразычылыктарды талкуулоо үчүн чүйлүк манаптарга келип, жашыруун жыйын өткөргөндүктөрү баяндалат. Алар Кочкордогу Азык болушунан: Сарыбай, Темирболот болушунан: Кара Осмонаалы, Токтосун, Абайылда болушунан: Карыпбай, Чаар Осмонаалы. Жумгалдагы Курманкожо болушунан: Курман, Токтогон, Жумгал болушунан: Көкүмбайдын уулу Исмаил, Ибраим, Кулжы гач болушунан: Шераалы Эшимбеков, Зарбат Байзаков. Чаектен: Мырзабек, Суусамыр болушунан: Туркмен, Биялы болуп, Чүйгө келишкен. Булардын бардыгы ал кездеги ошол аймактын болуштары эле.

Кочкор, Жумгалдан келген журт башчылары Токмоктон орус администрациясы менен тыкыз иштешкен Дүр Сооронбаев жана Мамбетаалы Мураталиевге жолугушуп, алардын көрсөтмөсү боюнча түн ортосунда токмоктук Турдакун Алмасбековдун үйүндөгү жашыруун чогулушка келишкен. Айтмакчы, Турдакун уйгур улутундагы өтө бай адам болуп, ал кадимки Ормон хандын уулу Үмөтаалынын жээни болот. (Анын атасы Алмасбек Үмөтаалынын бир тууган күйөө баласы экен Р.Ж.). Турдакундун үйүнө чүйлүк манаптардан Шабдандын Мөкүшү, Далбайдын Султаны, солто Сулайман ажы, Өтөгөндүн Мусасы, Чалдын Андашы, казактан Казен

Кожомбердиев, шамшыдан: Мамбетаалы, Маазымкожо, Сопубек, Турумбек Жантели уулу, Дүр Сооронбай уулу ж.б. келген [7. – 219-220-б.]. Окуяны айтуучу Ырысаалы жумгалдык болуш Исмаил Көкүмбаевдин атын токуучу болуп, жыйынга катышкандыгын айтат. Ал жашыруун жыйынды: «Исмаил – экөөбүз белгилүү жерге түн ортосунда келдик. Ар кайсы жерге кароол коюп коюптур (Токмоктогу полициялар билбесин деп). Эл чогулган. Мен оозгу үйдөн угуп олтурдум», – деп сүрөттөйт [7.220-б.]. Чогулган манаптар падышалык орус өкмөтүнө болгон элдин нааразылыгы жөнүндө маселени талкуулашып, оруска каршы көтөрүлөбүзбү же кандай кылабыз деген ойду ортого салышкан. Жыйналган элге орусча сабаты бар Дүр менен Мамбетаалы орустардын күчтөрү жөнүндө маалымат беришип, мамлекеттик аскерге каршы чыгуу, элдин кырылышына алып келет деген пикирди колдошкон. Жыйналышта орус администрациясына тилмеч болгон Мамбетаалы Мураталиевдин орустар тууралуу алардын көптүгү уйдун түгүндөй болсо, кыргыздар уйдун маңдайындагы кашкасында болуп кала тургандыгын айтып, андан кийин 1914-жыл дагы герман-орус со гушу жөнүндө сүйлөп, алар Австрияны бүт талкалады деп, куралдары тууралуу «беш атары көз жеткен жерди алып түшөт, пулемёту минутуна 76 ок чыгарат, адамды таарып кетет, аны жылдырып атат, маш казак-орустан ону гана кыргызды талкалайт. Мына менин билгеним ушул» – дегендигин айтат [4.-220-б.]. Буларга каршы Шабдандын уулу Мөкүш баштаган бир тобу чыгып, алар эл менен бирге көтөрүлшкө чыгалы деген пикирде турушат. Жумгалдык манап Курман Лепесов Мөкүшке кошулуп, аларды Чүйдү таштап Кочкорго көчкүлө дейт. Акыры бир чечимге келе албай тагдырдан көрдүк деп, таң ата тарагандыктары эскерилет. Бул жыйналыштан кийин элге барган нарындыктардан Курман Лепес уулу чүйлүктөр менен акылдаштык, жалпы оруска каршы көтөрүлмөй болдук десе, Исмаил Көкүмбай уулу, кочкорлук болуштар Сарыбай, Токтосундар оруска каршы чыкпай турган болдук деген эки башка кабарды элге тарат. Мындан көрүнүп тургандай кыргыз бийлик башчыларында бирдиктүү көз караш көтөрүлүш чыкканга чейин болгон эмес.

Бирок бул сыяктуу жыйындардын бир канчалары болгон. Алсак, Б.Солтоноевдин кабарында ысык-көлдүк кыргыздардын болуштары 1-августтагы Каракол уездинин чогулушунан кийин жашыруун жыйналышып, көтөрүлүш жасоого сөздөрүн токтоткон. Анда кошуна аймактагы кыргыздар менен байланышып туруу маселеси чечилген. Нарын, Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү эл менен байланыш үчүн тескейлик кыргыз Ысагалы (Сагалы Алматаев), ал эми күңгөйлүк саяктардан Талканбай (Тилегенов) болсо Чүй боюндагы кыргыздардан Шабдандын балдары аркалуу кабар алып турмак болот [4-120-б.]. Мындай жашыруун кеңештерде кыргыз жетекчилери келечекте боло турган көтөрүлүштүн долбоорун түзүшкөн. Анда орустардын негизги аскердик күчү Алматы калаасы тарапта болгондуктан, Чүй, Ысык-Көл кыргыздары алматылык казактар менен байланышып, алар менен чогуу Алматыдан келчү орус аскерлеринин мизин кайтаралы дешкен. Нарын кыргыздары толкуп, негизинен Фергана тарабынан келчү орус аскерлери өтө тур ган ашуу-белдерди көзөмөлдөмөк. Кочкор, Жумгал жана Чүйдүн күн батышындагы кыргыздары Токмок, Бишкек шаарларын курчап, Олуя-Ата жолун тосмок жана Таластагы кыргыздар, аларга жамаатташ казактар менен бирге Ташкент тарабынан келчү орус аскердик күчтөрүнө каршы турууну пландашкан. Бул ойду ишке ашырыш үчүн жергиликтүү кыргыз манаптары бири-бири менен жашыруун байланышып турган. Мисалы, Б.Солтоноев: «Чүйдөгү атактуу Шабдандын баласы Исамидин Нарынга Бугубай деген жигитин жашыруун жиберип, Касымаалыдан кабар алды»-, деп жазат [4.-95-б.]. Бул жердеги Мамбет уулу Касымаалы ажы Нарындын күн батыш аймагындагы элди башкарган, атактуу Ниязбектин сегиз бегинин бири, Ормон хандын бир тууган иниси Шатендин тукуму болгон. Мындай байланыштар Ысык-Көл, Нарын кыргыздарынын, ошондой эле казактардын жергиликтүү башчыларынын арасында да жүрүп турган.

Орус баскынчыларына каршы турган жергиликтүү кыргыздар колдорунан келген эң жөнөкөй найзадан, союлга чейинки куралдарды даярдашып, эгерде кайсы бир жерде көтөрүлүш башталса калган аймактардагылар дагы аларды колдоо жөнүндө макулдашкандыктары, көтөрүлүш дээрлик бир мезгилде жапырт башталгандыгынан байкоого болот.

Архивдик документтерде кыргыз жериндеги куралдуу көтөрүлүш төмөнкүчө башталган: 6-августта Пишпек уездинин Атаке болушундагы кеминдик кыргыздар менен ошол эле уезддеги Ботбай болушунун казактары жана кыргыздары көтөрүлөт. 7-августта Токмоктун айланасындагы кыргыздар жана Пишпек уездиндеги Сарыбагыш болушунун кыргыздары козголот. 9-августта Каракече, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Абайылда жана Ысык-Көлдүн айрым болуштуктарында козголоң башталат. 10-августта Жамансарт, Түлөберди, Бакы, Талдыбулак болуштарындагы жана Олуя-Ата уездиндеги Карабалта болушунун кыргыздарынын көтөрүлүшү болсо, 11-августта жалпы Ысык-Көл кыргыздары менен Пржевальск уездиндеги Мариинск кыштагындагы дунгандар көтөрүлүшкөн [3.-131-135-б.]. Куралдуу көтөрүлүштүн бардык аймактарда бир кылка башталышы, аны баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана уюштурган адамдардын болгондугун көргөзүп турат.

Массалык куралдуу көтөрүлүш Түндүк Кыргызстандын калк жыш жашаган өрөөндөрүн камтыган. Бул аймактарга Чүй өрөөнүнүн күн чыгыш бөлүгү, Кемин өрөөнү, Ысык-Көлдүн күнгөй жана тескейи, Кочкор, Жумгал, Нарын жана Тогуз-Торо өрөөндөрү кирген жана бул өрөөндөр көтөрүлүштүн негизги очокторуна айланган. Көтөрүлүш башталганда ар бир уруктун кадыр-барктуу адамдары же болбосо мурунку болуш, бийлер өздөрүнө караштуу кишилерине башчы болуп жүрүшкөн. Бирок орус аскерлери колдогон келгин орустардын ири топтору менен салгылашууда, ар бир өрөөндүн эли бирдиктүү кол башчы шайлашкан. Аларды кыргыздын эски каада-салтына ылайыктуу «хан» деп аташкан. Белгилей турган нерсе, айрым адамдар аларды мамлекет башчысы болгон «хан» титулу менен чаташтырып алгандыктарын көрөбүз. Чындыгында кыргыздын эски салттарында мамлекеттин башкаруучусу «хандан» башка да, убактылуу көп элди жетектеген ири кол башчыларды дагы «хан» деп атай беришкендиктерин элдик фольклор так билдирет. Алсак «Манас» эпосунда кыргыздын ханы Манас кара кытайларга каршы «чоң казатка» аттанганда, жолду жакшы билген чоросу Алмамбетти ушул жүрүштөгү колго «хан» көтөрөт. Жүрүштө мамлекет башчысы хан Манасты Тазбайматтын «ондугуна» кошуп коюшат. Тазбаймат аны унутуп калып, аз жерден өлүмгө тартылбай калган эпизоддо, кыргыздар «хан» деп кол башчыларды дагы аташкандыктары жакшы көргөзүлгөн. 1916-жылдагы эл шайлаган «хандар» көтөрүлүштүн жетекчи кол башчылары болушкан. Алар көтөрүлгөн элди башкарып туруу үчүн, белгилүү манаптардан шайлангандыгы белгилүү. Эскере турган нерсе, 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеген адабияттарда бул жетекчилер тууралуу толук кандуу маалыматтар али күнгө чейин изилдене элек.

Андай изилдөөлөрдө негизинен орус архивдеринде кеңи ри белгилүү болгон, кеминдеги элди жетектеген кыргыз манабы Шабдандын уулу Мөкүш жана Токмок шаарын камалоодо көтөрүлүшчүлөрдү башкарып, кийин орус бийлигине колго түшүп, өлүм жазасына тартылган Төрөгелди баатырдын бир тууган инисинин баласы Канат Ыбыке уулу жөнүндө гана жазылып, калган көтөрүлүш башчылары тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ал эми көтөрүлүшкө катышуучулардын эскерүүлөрүндө, эл тарабынан шайланган бир канча көтөрүлүш жетекчилери болгонду эскерилет. Көтөрүлүштө расмий «хан» көтөрүлгөн жетекчилердин жалпы саны жети болгон. 1.Кеминде – Мөкүш Шабданов 2.Кочкордун күн батышы жана Токмокто – Канат Ыбыке уулу 3.Кочкордун күн чыгышында – Тезекбай Түлкү уулу 4.Жумгалдын чыгышында – Көкүмбай Чыны уулу 5.Нарындын түндүк аймагында – Байзак Мырза уулу 6.Ысык-Көлдүн тескейинде – Баатыркан Ырайымбеков 7.Ысык-Көлдүн күнгөйүндө – Баатыркан Ногоевдор көтөрүлүшкө хан шайланышкан. Бул жердеги нарындык тынымсейит уругу менен сарыбагыш уруктары хан көтөргөн Байзак Мырза уулу, кочкордогу Тезекбай Түлкү уулу жана жумгалдык Көкүмбай Чыны уулу жөнүндө изилдөө иштеринде эч бир маалымат берилбейт. Булардан тышкары өз алдынча аймактардагы көтөрүлүштү жетектеген Нарындын батышында Касымаалы ажы Мамбетов жана Тогуз-Тородо Чолук Курманкожо уулдары дагы изилдөөлөрдөн тышкары калышкан.

Көтөрүлүш башталгандан кийин Кеминдик кыргыздарды сарыбагыштын манаптары Шабдандын уулдары Мөкүш, Исамүдин, Кемел, Аман жана Султан Далбай уулу, Ысмайыл Далбай уулу, Белек Солтоноев, Жантайдын небереси Ыбрайым Төлө уулу, Боромбай Сазанов, Алагуш Жантаев ж.б. жетектешкен. Алар көтөрүлүштүн жүрүшүндө кеңешип, өздөрүнө башчы кылып белгилүү манап Мөкүш Шабдан уулун 9-августа «хан» шайлашкан [4.-99-б.]. Чүй аймагындагы кыргыздардан азыркы Кемин,Чүй районундагы сарыбагыштар көтөрүлүшкө активдүү аралашкан. Солто уруусунун кыргыздарынан Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Ак-суу жана Кара-Балта аймагындагы эл көтөрүлгөн. Белгилей кетчү нерсе, көпчүлүк илимий изилдөөлөрдө Боом капчыгайында Ысык- Көлгө алып бара жаткан арабалардагы орус мылтыктарын ок-дарысы менен кошо колго түшүргөн Ыбрайым Төлө уулу кедей үй-бүлөдөн чыккан деп берилип жүрөт, чындыгында ал кадимки манап Жантайдын небереси. Анын атасы Төлө ажы Шабдандын бир тууганы болгон. Токмоктун айланасындагы калк шамшы эли деп аталып, алар 10-августта көтөрүлүп, орус кыштактарындагы келгиндер менен салгылашкан. Булардын башында Дүр Сооромбаев, Мамбетаалы Мураталиев, Муса Өтөгөнов, Андаш Чалов, Сопубек Шаменов, Маасымкожо Тоголоккожоев, Турумбек Жантели уулу сыяктуу сарыбагыштын тынай уругунун манаптары турган. Бирок көтөрүлүш башталган күнү манап Дүр Токмок шаарындагы орус администрациясында болуп, алардын колунда барымтада калган. Ошондуктан ага баш ийген 500 түтүндөн ашык эл бейтараптыкты кармашкан. Солто уруусунун манаптарынын көпчүлүгү орустарга каршы ачык күрөшкө чыгууга батына алган эмес. Анткени солто уруусу ээлеген жерлерде орус келгиндеринин айыл-кыштактары арбын болгондуктан, орустар кыргыздардын көбүн кырып жиберишкен. Алардын арасынан Ысык-Ата, Кант аймагындагы багыш нурмамбет менен солто бөлөкбай уругунун манабы Сулайман Корчу уулу көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп, орустарга каршы согушкан. Ал көтөрүлгөн эл менен Сын-Таш тараптагы орус айылдарын талкалап, аягында Токмок шаарына чабуул коюп жаткан Канаттын көтөрүлүшчүлөрүнө кошулган. Кыргыз манаптарынан башка Ак-Бешимдик кожолордун башчысы Маасымкожо Тоголоккожоев өзбек, уйгур, түрктөрдү жетектеп чыккан. Чүйлүк кыргыздар 12-августта Кочкор-Жумгалдан келген Канат Ыбыке уулунун көтөрүлүшчүлөрүнө биригишип, 13үнөн 22сине чейин Токмок, Покровка жана Бир-Кулактын (Ивановка) айланасындагы келгиндер менен салгылашкан. Чүй-Токмоктун айланасындгы көтөрүлүшчүлөр кочкорлук Канат Ыбыке уулуна баш ийишкен. Ал жерде шамшы, тынай, бурана, нурмамбет элдери Канат Ыбыке уулун болжолу 20-21-августтарда хан көтөрүшкөндөн кийин, Токмок шаарын курчоого алышкан [4.-107-б.].

9-август күнү Кочкор өрөөнүнүн күн чыгыш тарабындагы Жоон-Арык, Борукчу, Ниязбек болуштуктарындагы эл орустардын Столыпино кыштагына чабуул коюшкан. Булардын башында Ниязбек болушунан Ормон хандын небереси Жапай Көкташ уулу, Тезекбай Түлкү уулу, Борукчу болуштугунан Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын Базаркул деген баласынын тукумунан чыккан Рүстөм Садыров, манап Турдубай Жангелди уулу, Көчкөмбай Тагаев жана Жоон-Арык болуштугунан надырбек уругунун манаптары бир туугандар Көбөгөн, Дөөткул Шыгаевдер, таздар уругунан Акмолдо Карасаев ж.б. турган. Алардын арасында карапайым кедей үй-бүлөдөн Самак Төрөгелди уулу дагы жетекчилик иштерге катышкан [7.-269- 275-б.; 5.-84-б.]. Үч күндүк согуштан кийин Нарын участогунун начальниги Хохалев аскердик топ менен селодон орус тургундарын алып качат. Ошондон кийин, көтөрүлүшчүлөр 11-августта Столыпина селосун талкалашкан. Эртеси 12-августа Кочкордун күн чыгыш аймагындагы Ниязбек, Борукчу жана ЖоонАрык үч болуштуктун эсенгул эли Ормон хандын бир тууган иниси Түлкүнүн уулу Тезекбай манапты хан шайлашкан [7.-269-273]. Бул көтөрүлгөн элди уюштурууда жана Тезекбайды жетекчиликке шайлоодо Ормон хандын чөбөрөсү Жапай Көкташ уулунун белгилүү манап катары таасири зор болгон. Жетекчиликти колуна алган Тезекбай түтүнгө бирден кишини аскердикке жыйнай баштаган. Бирок орустардын жазалоочу аскер оряддары Кочкорго жакындап калды деген имиштердин тарашы менен ал иш аягына чыкпай калган [7.- 269-274-б.].

9-августта башталган Кочкордун батыш тарабындагы Темирболот, Абайылда, Шамурза жана Кочкор болуштуктарындагы көтөрүлгөн элди сарыбагыштын черикчи уруктарынын манаптары жетектешкен. Алардын башында турган Төрөгелди баатырдын бир тууганынын баласы Канат Ыбыке уулу балдары Карыпбай, Ыскактар менен, Төрөгелди баатырдын небереси Суранчы Карасаев, Төрөгелди баатырдын бир тууганы Шерботонун небереси Муратаалы Элтоев, Төрөгелди баатырдын дагы бир иниси Шадыкандын небереси Токтосун Бектенов, кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Сыдыковдун (Кыдыков) агасы Жаркымбай молдо Кыдыковдордун салымы чоң болгон [5.-84-б.]. Алардын арасындагы азык уруусунун башында Кочкор болуштугунун болушу Сарыбай Дыйканбаев да болгон [6.-85-б.]. Кочкордун батышындагы Темирболот, Шамурза, Абайылда жана Кочкор төрт болуштуктун эли Кочкордун Ийри-Суу деген жеринде жыйын өткөрүп, Канатты көтөрүлүш башчылыгына хан кылып шайлашат. Алар ал жерден жумгалдык Курман Лепесовдун уулу Ыскакты 100 адамы менен кошуп, Шамшы ашуусун ашып, Чүй бетине түшкөндө, чүйлүк сарбагыштар менен биригип, Токмок шаарын камоого алышкан. Архивдик документтерде Чүйдөгү уруштарда Жумгалдан Мырзабек Дыйканбай уулу, Көкүмбай Чыны уулу жана Курман Лепес уулу баштаган эл башчылары Канат хан менен бирге болгондугу берилет [7.-77-б.]. Ыбыкенин уулу Канатты кочкор, жумгал кыргыздары чүйлүк кыргыздар менен бириккенде 21-22-августарда кайрадан «хан» шайлашкан [4.107- б.]. Көтөрүлүштөн кийин Канат Верный шаарында камакта кыйналып өлтүрүлгөн. Анын Ысак деген баласын орустардын жазалоочу аскер тобу бир топ кыргыз менен колго тушүрүп, Тоңдун Улахолундагы Ак-Терек деген жерде дарга тартышкан [5.110-б.]. Экинчи уулун 1918-жылы Токмоктун жанындагы Шор-Дөбөдө атып өлтүрүшкөн [5.-133-б.].

Жумгал өрөөнүндөгү калк дагы орус колонизаторлорунун запкысын көп тартышкандыктан нааразычылык күчтүү болгон. Көтөрүлүштүн алдындагы кеңештерде жумгалдык болуштар: Жумгал болушунан Исмаил Көкүмбай уулу, Курманкожо болуштугунан Курман Лепесов, Токтогон, Кара-Кече (Кулжыгач) болушунан Зарбат Байзак уулу, Эшимбеков, Черикчи (Чаек) болуштугунан Мырзабек Дыйканбаев, Суусамыр болуштугунан Биялы Максымов жана Түркмөн Сарыпбек уулу ж.б. катышып көтөрүлүштү колдошкон. Бирок алардын барлыгы эле көтөрүлүшкө катышкан эмес. Өзгөчө Жумгалдын күн батыш тарабындагы чекир саяктын кулжыгач уругунун эли көтөрүлбөй, бейтарап турушкан. Негизинен Жумгалдын чыгыш тарабындагы калк көтөрүлүшкө активдүү катышып, Белоцарское кыштагын баш кылып, Жумгалдагы бардык орустардын чарбаларын талкалашкан. Жумгалдагы көтөрүлүш 9-августта башталып, 11-12- августтарда Жумгал, Кара-Кече болуштуктарынын эли белгилүү манап Медет датканын тукуму Көкүмбай Чыны уулун «хан» көтөрүшкөн [4.114-б.]. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө, орустардын жазалоочу аскер топтору келе жатат деген кабардын тарашы менен бир катар манаптар көтөрүлүштөн баш тартып, орустар менен байланышка аракет кыла башташкан. Алардын арасында Курман Лепес уулу жана Зарбат Байзак уулдары болушкан.

1916-жылы азыркы Нарын району жайгашкан аймакта Он-Арча, Ажы, Субан, Шатен, Шаркыратма деп аталган болуштуктар болгон. Булардын Он-Арча жана Шаркыратма болуштуктарында тынымсейит уругу, Ажы, Субан, Шатен болуштуктарында болсо сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү жашашкан. Көтөрүлүштүн алдында эле, Ажы болушу Мамбетжандын демилгеси менен ОнАрча болушунан Байзак жана Субан болушу Эсенгул Кара-Үңкүрдө жолугушуп, бирге көтөрүлүп, Нарын чебин басып алууну болжошот. Көтөрүлүш 12-августа башталат. Нарын аймагындагы көтөрүлгөн элди дагы манап тукумунан чыккан жетекчилер башкарышкан. Ажы болуштугунда Ормон хандын бир тууган иниси Ажынын небереси Карачтын үч уулу Ногойбай, Мамбетжан жана Деркембай Карачевдер көтөрүлгөн элди жетектешкен [5.-84-б.]. Булардын ичинен Мамбетжан болуш болгон. Субан болушунда дагы элди Ормон хандын бир тууган агасы Субандын Мусаке деген уулунун тукуму башкарган. Ал жерде болуш Мусакенин Байгазы баатыр деген уулунун баласы Эсенгул болгон. Аны менен анын атасы Мусакенин Койкелди деген инисинин уулу (Койкелдин) элди баштап чыгышкан [5.-84-б.]. 9-августта Нарын участогунун начальниги Хохалев Кочкордогу көтөрүлүштү угуп, Нарындан 50 солдат менен чыгат. Жолдо Кара-Үңкүргө 16 солдатты таштап кетет. 12- августта Ажы жана Субан болушунун көтөрүлүшчүлөрү Оттук деген жерден солдаттар менен бетешип, атыш башталат. Солдаттар менен Мамбетжан болуш баштаган 4 киши атышып, калган калган эл качып кетет. Солдаттар атышып жаткан 4 кыргызды курчоого алганда, үчөө качып, Мамбетжан болуш атышып жатып колго түшөт [7.-267-б.]. Эртеси, 13-августта Ак-Мойнок бекетине бекинип алган солдаттарга каршы, Он-Арча болуштугундагы тынымсейиттер, Байзак баатырдын жетекчилиги астында кол салышат. Байзак Мырза уулу тынымсейиттин аян бутагынан чыккан белгилүү манап болгон. Бекеттин батыш тарабынан сарыбагыш ажы, субандар чабуул коюшат. Натыйжада эки тараптан тең адамдар өлүмгө учурайт. Орустардан 13 киши өлгөн. Согуш маалында Мамбетжан Бекеттен качып чыгат. Түн ичинде солдаттар качып Нарынга кетишет [7.-261-268-б.]. 14-августта Кочкордон, көпчүлүгү Борукчу жана Жоон-Арык болуштугунан 300гө жакын мергенчи адамдар Ак-Мойнокко келишет. Ушул күнү ак боз бээ союшуп, тынымсейит, сарыбагыштар Мырза уулу Байзак баатырды хан көтөрүшөт жана орус баскынчыларына каршы бирге күрөшө тургандыгына ант беришет [7.-264-б.]. 15-август түнү көтөрүлгөн эл Нарынды басып алмакка кол салышат. Бирок чептеги аскерлердин соккусунан таңга жуук Ак-Мойнокко качууга аргасыз болушат. 16-августта Нарындын батыш тарабындагы ЖанБулак посёлкасын басып алууга аракет кыла башташат. Ошол мезгилде Көк-Арт ашуусу тарабынан келген жазалоочу аскер тобун, чоро саягынын башчысы Касымбек Баатаев баштап келе жаткандыгын угушуп Ак-Мойнок тарапка чегинишет [7.-264-б.]. Нарындагы көтөрүлүштүн башында кыргыз манаптары турганы менен, алардын арасында кыргыздарга чыккынчылык кылып, орус солдаттарына жардам бергендери болгондугун көтөрүлүштүн катышуучулары эскеришет. Мисалы Нарындагы Куйбышев колхозунун мүчөсү Борсунбаев Жунуш көтөрүлүш мезгилинде Он-Арча болушу Садыр Кулматов чыккынчылык кылып качып кеткендигин, ал эми Чоро манабы Касымбек Баатай уулу участковой Какулов (Хохалев) менен байланышып, көтөрүлүштү басуу үчүн, болуш уулу Султангазыны Көк-Арт аркалуу Анжиянга солдат алып келүүгө жибергендигин эскерет [7.-261-262-б.].

Нарын чебинин батыш тарабындагы Куланак аймагындагы көтөрүлгөн элди болуш Касымаалы ажы жетектеген. Ал өрөөндөгү белгилүү манап болуп, теги боюнча Ормон хандын Шатен деген инисинин небереси Мамбеттин уулу болгон. Көтөрүлүш жеңилгенден кийин Касымаалы Мамбет уулун орус бийлиги Нарын түрмөсүнө камап, аны баласы Орунаалы жана жигиттери Чоткара Барманов, Бопунаалы, Момунаалы менен кошо Нарында дарга тартышкан [7.-119-б.]. Нарындагы камактагы кыргыздарды дарга тартуу жөнүндө орус документтеринде мындай деп жазылат: «Главари бунта Касымаалы Мамбетов, волостной правитель Орунаалы Касымалиев, Чоткара Барманов, Бопунаалы и Момунаалы приговорены к смертной казни через повешение, (исполнено 14.10.1916 г.), приговора на основании статьи 1308 военного судебного устава, согласно приказа ВВ 1914 года №464. Приговор представляется на основании статьи 1420, утверждается начальником гарнизона, имеет силу и приводится в исполнение.» («ЦГА» Кыргызстана дело №32 «О ликвидации беспорядков в Нарынском участке»).

Тогуз-Торо өрөөнүндөгү элди жергиликтүү саяк уруусунун манабы Чолук Курманкожо уулу (уруусу кара багыш) жетектеген. Ал Тогуз-Торо аймагындагы Казарман жана Атайкадагы орус өкмөтүнө тиешелүү мекемелерге кол салган. Ага Жумгалдан манап Көкүмбайдын уулу Исмаил 1000ге жакын киши менен Анжияндан Көк-Арт аркалуу келе жаткан жазалоочу аскерлерди тосуу үчүн жардамга келген. Жумгалдыктар менен бириккен Чолук орус аскерлерин Нарын дарыясынын кечмелигинен тосуп атышкан жана жеңилгенден кийин эли менен качууга аргасыз болгон [70-222-б.].

Ысык-Көлдүн айланасындагы элдин массалык түрдө куралдуу көтөрүлүшү 11-августка туура келген. Бирок Көлдүн күңгөйүндөгү орус айылдарына жанаша жашаган кыргыздардын айрым топтору андан бир аз мурун эле козголоң кыла баштаган. Алсак, 9-август күнү кечинде Чоң-Ак-Суудагы орустардын Григорьевка кыштагына кыргыздар чабуул койгон. Эртеси бул кыймыл ири село Преображенскоеге чейин тараган [6.-18-б.]. Күңгөйдөгү шыкмамат саяктары орустардын Григорьевка, Долинка, Курск, Ново-Самсоновка, Баженов кыштактарын талкалашып, көлдүн башындагы бугу уруусунун эли менен биригип, орустардын калк жашаган ири пункт Преображенское селосун камоого алышкан. Бугу уруусунун калкы көлдүн чыгышындагы орустардын Ново-Вознесенское, Николаевское, Жергес, Михайловское кыштактары менен Пржевальский шаарына чабуулдарды уюштурушкан. Алар ошондой эле көлдүн түндүк-чыгыш тарабындагы Сазановка, Алексеевка кыштактары менен Преображенское селосуна дагы кол салышкан. Бул куралдуу көтөрүлүштүн башында бакачы саяктарынын ири манабы Кангелди Ырысменде уулу баласы Осмонкан Кангелдиев менен, Талканбай Тилегенов, Бердибай Керексизов, Ишенбек Жайнаков, Маткерим Супаев, Курткамерген болуштугунан Максүт Солтобаев сыяктуу манаптар турушкан. Ал эми бугу уруусунун элдерин белгилүү манаптар Баатыркан Ногоев, Байказак Мамбетов, Кадырбай Түнкатаровдор жетектеп жүрүшкөн. Алар көтөрүлүштүн жалпы жетекчилигине түптүк бай жана манап Баатыркан Ногоевди шайлашкан [7.-346-б.; 6.-36-б.]. Баатыркан Ногоев бугу уруусундагы белек тукумунун салмаке бутагынан чыккан Ногой баатырдын уулу болгон. Түптүн Арал деген жеринде өткөн көлдүк кыргыздардын жыйынын Пржевальский шаарынын тургуну Рахимов Иззафар мындайча эскерет: «… шаршемби күнү, август айы эле, үч миңге жакын кыргыз Аралга чогулушту, анын ичинде мен да бар элем. Ак бээ союшуп, анын канына колдорун малышып, көтөрүлүшкө чыгып орустарды жок кылабыз деп ант беришип, дуба окушту» [7.-347-б.]. Бугудагы арык-тукум уругун башкарган, ошол кездеги орус администрациясына кадыр-барктуу Кыдыр Байсары уулу кыргыздардын падышалык бийликке карай куралдуу көтөрүлүшүнө каршы чыккан. Үркүндө Пржевальский шаарында жашап, орустар тарабында турган Сулайманов Фатих деген татардын эскерүүсүндө, көтөрүлүштүн алдында болуш Кыдыр Байсары уулу Пржевальск уезддинин башкаруучусу Ивановго келип, «кыргыздар көтөрүлүш чыгарууга уюшуп жатышат, алардын жетекчилерин камаш керек дегенине Иванов ишенбей эч чара көргөн жок» деп баяндайт [7.-346-б.]. Ал эми көтөрүлүштүн катышуучусу Белек Солтоноев: «11-августта Кыдыр Байсары уулу урушка катышпастан бир болуш эли менен Кытайга көчүп кеткен», – деп жазат [4.-121-б.].

Көтөрүлүш Ысык-Көлдүн тескей тарабында дагы өтө курч мүнөздө болуп өткөн. Бул аймактагы эл саяктын каба, алакөз, бугунун кыдык, арык-тукум, белек, бапа, желдең ж.б. уруктарынан куралып, орустардын Кольцовка, Гоголевка, Барскоон, Покровка сыяктуу ири кыштактарына жана бир нече майда айылдарыны кол салышкан. Аларга Мариинск кыштагындагы дунгандар кошулуп Пржевальский шаарына чабуул коюшкан. Аларды саяктардын Баатыркан Ырайымбеков, Мамыткан Жантаев, Сагалы Алматаев, Сагын Ниязбеков жана бугулардын Кендирбай, Берикбай Солтонкуловдор, Кулбарак Матаев, Абдылда Сарин, Нурманбет Чекиров сыяктуу манаптары жетектешкен. Бул согуштарда 15- августта Каракол шаарына чабуул уюштурушкан ЫсыкКөлдүн түштүгүндөгү саяк, кыдык, желдең, бапа уруктарынын 5миңге жакын адамдары Ырдыкта чогулуп, каба саягынын манабы Баатыркан Ырайымбек уулун «хан» шайлаган [4.121-б.].

Бул фактылар «хандыкка» шайланган көтөрүлүштүн көпчүлүк жетекчилери тектүү манаптардын тукумдары болуп, алар эл арасында кадыр-барктуу болгондугун белгилешет. Буга чейин 1916-жылдагы элдик көтөрүлүш башкаруучусуз, баш-аламан мүнөздө болуп өткөн деген пикирдин негизсиздигин далилдешет. Жер-жерлердеги көтөрүлүштүн жетекчилери тууралуу, окуянын катышуучуларынын көпчүлүгү эскеришет. Ал маалыматтар жазылган мезгилде бай-манаптарды колдон келишинче каралап турган советтик саясатка карабастан, элдик жетекчилердин кандайдыр ордун аныкташкандыктары байкалып турат. Алардын айрымдарында гана жетекчи инсандарды атайлап жамандашкандыгы көрүнөт. Ошону менен катар эле, көтөрүлүштү аёсуз баскан орус бийлигинин өкүлдөрү өздөрү дагы көтөрүлүштүн жетекчилери болгондун айтышып, аларды жазалоо максатында аты-жөндөрүн мамлекеттик кагаздарга атайын тизмелеп жазышкан. Ал тургай падыша бийлиги кулатылгандан кийин дагы, т.а. 1917-1918-жылдарда кытайдан кайра келген кыргыздардын арасынан көтөрүлүш башчыларын издеп таап өлтүрүшкөн. Демек, 1916-жылдагы элдик толкундоолордо, ар-кайсы аймактарда элдин башында жетекчи инсандар турган жана алардын дээрлик бардыгы кыргыздын кадыр-барктуу манап тукумдарынын өкүлдөрү болгон. Жетекчиликтин болушу жана элдин уюштурулушу кыргыз элинде курал-жарактардын дээрлик жок болгондугуна карабастан, аларды орустардын жазалоочулары тарабынан боло турган массалык кыргындардан куткарып калган.

Жогорудагы маалыматтардан 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилери негизинен кыргыз манаптары болгондугун көрдүк. Көтөрүлүштү уюштурууда жана элди жазалоочу аскер топторунан куткарууда алардын ролу өтө чоң болгон. Бирок муну менен манаптардын бардыгы көтөрүлүштү колдоп чыккан деп айтууга болбойт. 1916-жылдагы көтөрүлүш мезгилиндеги кыргыз манаптарынын иш- аракеттерин негизинен үч топко бөлүп кароого болот.

1-топко көтөрүлгөн элдин башында туруп, көтөрүлүштү уюштурууга активдүү катышкан, элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн патриот манаптар кирет. Алар жөнүндө жогоруда кыскача маалыматтар берилди.

2-топту көтөрүлүш маалында бейтараптыкты кармап, орустар менен согушпай, ал эми орустардын жазалоочу аскер отряддары келгенде, алар менен ымала түзүүгө аракеттенишкен манаптар түзөт. Мындай манаптарга мисалга алсак, Ысык- Көлдүн Түргөн болуштугун башкарган Кыдыр Байсары уулу көтөрүлүш башталганда ага аралашпастан, эли менен кытайга ашып кеткен [3. 123-б.]. Ошондой эле, Токмок шаарында орустарда бармытада калган Дүр Сооронбаев өзүнө караштуу элди орустарга каршы чыкпоого үндөгөн. Ушундай эле көрүнүш солто манабы Чолпонкул Тынаалы уулу тарабынан жүргүзүлгөн. Нарында Эсенгул Байгазиев, Жумгалда Түркмөн Сарыпбек уулу, Биялы Максым уулу, Мырзабек Дыйканбаев ушул багыттагы саясатты колдонушкан.

3-топтогу манаптар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, өз элине каршы чыгып, орустарга кызмат кылышкан. Алар орустардын жазалоочу аскердик бөлүктөрүн тамак-аш менен камсыздап, аларга жол көрсөткүчтүк кызмат өтөп, качкан кыргыздарды кармоого көмөктөшкөн. Андан тышкары мындай адамдар орус жазалоочуларынан качкан кыргыздарды талап-тоношкон.

Мындай манаптарга Куланактык саяк манабы Калпа Келдибек уулу кирет. Ал Көк-Арт ашуусун ашып келген орус жазалоочу отрядына тамак ашка союш берип, отунсуусун камсыздап, үй тигип берген [4. – 119-б.]. Ал көтөрүлүшкө каршы турган. Бирок кийин элден корккондугунан гана ачыкка чыга алган эмес [7. – 305-311-б.]. Ушундай эле кызматты Ак-Талаалык чоро саягынын башчылары Касымбек Баатаев жана Кудайберген Ырайымбековдор да аткарышкан. Мында Баатаев Касымбек өзгөчөлөнүп, орустардын Нарындагы администрациясы менен макулдашып, көтөрүлүштү басуу үчүн Ферганадан аскер чакырууга уулу Султангазыны жиберген жана уулу экөө аларга жол көрсөтүүчү болуп кызмат кылышкан 70-262; 313-б.]. Ат-Башыда Казы Чокоев бир нече мөөнөттө болуш болуп, орус бийлиги менен мамилеси жакшы болгон. Ал жакшы иштегендиги үчүн орус өкмөтүнүн күмүш медалы менен сыйланган(ЦИА Каз.Респ., ф. Семиреченского обл. Правления, отд.11,ст.2, №16924 л.л.108-108 об.). Ошондуктан эл козголгон мезгилде Ат-Башыдагы өзүнө караштуу элди көтөрүлүшө чыгарган эмес. Ал Нарын администрациясы менен макулдашып алып, көтөрүлүшкө катышкандарды тоноткон [4.-113-б.)]. Куланактык манап Касымаалы эли менен кытайга кирип кеткенде, Казынын жардамы менен орус аскери аны алдап колго түшүрүп, даргага тарткан [4.-119-б.;7.-313-б.].

Булардын арасынан өзгөчөлөнгөн, жумгалдык Курман Лепес уулу болгон. Ал көтөрүлүштүн алдында элди ачык эле көтөрүлүшкө чакырган [7.-220-221-б.]. Орус жазалоочу аскерлери жакындагандан баштап, Курман балдары менен чогуу көтөрүлгөн элге кошулуп жүргөндүгүнө карабастан, кулжыгач уругунун баштыгы Мырзабек Дыйканбай уулу менен тымызын сүйлөшүп алып, көтөрүлүшчүлөрдүн ал-жайын Бишкектеги орус төбөлдөрүнө алдыртан билдирип турган [4.- 116-б.]. Ал эми орус аскерлери келгенден тартып, аларга кызмат өтөгөн. Качкан кыргыздарды табууга көмөктөшкөн. Курмандын Ысак деген уулу көтөрүлүштүн белгилүү башчыларынын бири Канат Ыбыке уулун колго түшүрүүгө катышкан. Көтөрүлүштөн жеңилген кыргыздарды талап- тоноого Курман Лепесов менен Касымбек Баатаевдар аралашат [4.-111-б.]. Жумгалдагы Кара-Кече болуштугундагы Байзак манаптын балдары дагы көтөрүлгөн элге каршы туруп, орус бийлигине кызмат кылышкан.

Чүй бетиндеги солто манаптарынан козголгон элге каршы турган Ырысбек Осмонбек уулу, Сарбагыш Мыктыбек уулу, Айылчы Татыбек уулу, Бектай Чолпонкул уулу, Алымбек Дыйканбай уулу, Жантай Кененсары уулу жана белгилүү манап Өзбек Бошкой уулунун балдары падышалык орус бийлиги тарапта болушкан [4.- 118-б.]. Алар жөнүндө эскерүүлөрдө Канай элинен манап Байтиков Баба, болуш Өзүбеков Ашыр, күнтуу элинен манап Кызалаков Сарымсак, болуш Жанжигитов Сыдыгалы Байтик-Павловский орустарынын побу Биларосов жана бай Шепилов Михаилдер менен сүйлөшүп, көтөрүлгөн эл кырылып калды деп элди коркутуп Күнтуу, Канай элдериндеги көтөрүлүштү баскандыгы айтылат [7.-210-б.]. Булардан башка Сарынбай жана Төлөмүш дегендер Чүйдүн Туюк деген жеринде жашынып жаткан элди алдап алып барып, Бел-Булакта 160га жакын качкын кыргыздарды катын-балдары менен көп солдатка кырдырып жиберген [7.-215-б.]. Мындай окуялар көп эле болгон.

Көтөрүлгөн элдин арасында жүрүп, аларга каршы чыккан жана аларды кырып-жоюуда орус баскынчыларына кызмат кылган, саткын кыргыз манаптарын орус бийлиги көз жаздымда калтырган эмес. Көтөрүлүш аёсуз басылгандан кийин, т.а. 1916-жылдын 3-ноябрында полковник В.П.Колоссовский, кыргыздарды кырууда орустарга жардам көрсөткөн 10 кыргыз манабын сыйлыкка көрсөтөн. Архивдик документтеги алардын тизмеси:

  1. Казы Чокин – Эсенгул болуштугу, Ат-Башы участогу – Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  2. Касен Каныбеков – Кара-Булак болуштугу, Токмок уч. – Анен тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  3. Иткара Ырысбеков – о.э. – Станислав тасмасындагы кичи күмүш медаль;
  4. Осмон Данаев – о.э. – 2-даражадагы сый халат;
  5. Исхак Курманов – Курманкожо бол., (Жумгал), Токмокск.уч. – Милициянын хорунжий чини, эгер ал болбосо Владимир тасмасындагы таза күмүш медаль;
  6. Түмөнбай – Он-Арча бол., (Нарын) – 2-даражадагы сый халат;
  7. Байсерин – Ат-Башы уч. – 2-даражадагы сый халат;
  8. Курман Лепесов – Курманкожо бол., (Жумгал),Токмокск.уч.- Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  9. Султангазы Касымбеков(Касымбек Баатаевдин уулу) – Чоро бол., Ат-Башы уч. – Моюнга салуучу Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  10. Зарбат Байзаков (Байзактын уулу) – Кара-Кече бол., (Жумгал – Моюнга салуучу Анен тасмасындагы чоң күмүш медаль.

(ЦИА Каз.Респ., ф. Семиреченского обл. Правления, отд.11,ст.2, №16924 л.л.108-108 об.).

Тизмени түзүүчү: полк. В.П.Колоссовский.

Кийинки мезгилдерде мындай кишилерди өзүнүн адамдарын же айылын сактап калган кеменгер киши катары сүрөттөөгө болгон аракеттер байкалат. Жамаатташ жашаган элдин башына караңгы күн түшүп, кырылып жаткандыгына карабастан, өзүнүн керт башын же бир ууч ага тууганын сактап калуу үчүн, азап чеккен элге каршы болуп, аларды душманга салып берүү же алардын эсебинен туйтунуу анчалык деле кеменгерликке жатпаса керек. Мындай көрүнүштү чыккынчылыктан башка эмне деп айтмакчыбыз.

Кыргыз манаптарынын ич ара бөлүнгөндүгүнө карабастан 1916- жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилери алардын арасынан чыккан, элдин эркиндигин өз жанынан да жогору койгон, мекенчил инсандардан түзүлгөн. Көтөрүлүш жеңилгенден кийин, алардын тагдырлары да ар түрдүүчө аяктаган. Жогоруда айтылгандай Канат Ыбыке уулу колго түшүрүлүп, Алматыда камакта көз жумган. Анын бир баласы дарга тартылып, экинчи уулу атып өлтүрүлгөн. Канат менен Кочкордо бирге эл башында жүргөн Сарыбай менен Токтосун дагы камалышкан. Касымаалы Мамбет уулу урук-тууганы менен кытайга качып барганы менен, ал жактан Казы Чоко уулунун адамдарынын чакыруусу менен кайтып келгенде колго түшкөн. Андан кийин аны бир уулу жана жигиттери менен кошо

Нарында дарга тартышкан. Чолук Курманкожоевди дагы Нарын шаарында атышкан. Тоңдук Сагалы Алматаевди 11 киши менен кошо суракка Тамга кыштагына айдап келишип, үйдү бекитип коюшуп, терезеден аткылап өлтүрүшкөн [4.-131-б.]. Аларды качууга аракет кылгандыгы үчүн аттык деп акты түзүшкөн. Ал эми, Мөкүш, Исамидин, Аман, Кемел Шабдановдор, Көкүмбай, Баатыркан, Көбөгөн, Дөөткул, Ногойбай, Мамбетжан сыяктуу көптөгөн көтөрүлүш башчылыры кытай жергесине качып барып, ачарчылык, жокчулуктун азабын тартышып, падыша бийлиги кулагандан кийин гана өз мекенине кайтып келишкен. Алардын арасындагы айрым бир жетекчилерди, падышачылык өкмөт кулагандыгына карабастан Кыргызстанга кайтып келгенден кийин дагы издеп таап, орустар өлтүргөн. Мисалы, 1918-жылы кытайдан мекенине келишкен, кочкорлук көтөрүлүштүн башчылары Жапай Көкташ уулун, Тезекбай Түлкү уулун, Ак-Бешимдик Маасымкожо Тоголоккожоевди, Шамшылык Турумбек Жантели уулун, Канаттын уулу Жапарсадыкты Токмоктун Шор-Дөбөсүндө атып өлтүрүшкөн [4.-133-б.]. Ушул эле жылы орус бийликтери менен мамиле түзүүгө болгон аракеттерине карабастан Дүр Сооронбаев жана Калпа Келдибековдор дагы Шор- Дөбөдө атылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн 1916-жылкы кыргыз элинин боштондук күрөшүнүн жетекчилери бүгүнкү күнгө чейин татыктуу бааларын ала элек. Алардын ар бирин кыргыздын мекенчил жарандары жатка билиш керек. Алардын иштери Ата-Мекенди сүйүүнүн чексиз үлгүсү катары кызмат кылат.

Адабияттар

  1. Абдрахманов Ж. Восстание киргизов в 1916году. – Фр., 932.
  2. Восстание 1916 года в Кыргызстане. Документы и материалы. – Фр., 1937.
  3. Восстание 1916 года в Кыргызстане (Сборник документов). // Рукопис.фонд НАН КР. – Инв.№ 136. – т.3.
  4. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Б., 1993. – 2-кит.
  5. Усенбаев К. Восстание 1916 года в Киргизстане. – Фр., 1967.
  6. Шейшеканов Т. Көлдөгү көтөрүлүш. – Б., 2003. 7. 1916-жылкы Кыргызстандагы көтөрүлүш. / Котор. Т.Абдылдаев, Түз. П.Ш.Казыбаев. – Б.: Кыргызстан. – 1996.– 400 б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу