Томдук

Кыргыздар 24-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

24-ТОМ

Манас, Семетей, Сейтек

Түзгөндөр:  Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Кыргыздар: Кырк томдук. 24-том. «Манас,  Семетей, Сейтек дастаны». Залкар манасчылар С. Орозбаков менен С.Каралаевдин айтуусунун негизинде түзүп, иштеп чыккан: Кыргыз эл жазуучусу М. Байжиев.

Томдукта «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтик эпостору орун алды. Аталган үчилтик  көлөмү боюнча бир томдукка сыйбагандыктан М. Байжиев түзгөн варианты киргизилди. Мында теңдешсиз зор эпостун бардык бөлүмдөрү, бүткүл өзөк окуялары жана образдары толук камтылган.

 

«Манас» эпосу үчүн эркинен ажырап, курман болгон кыргыз элинин чыгаан уулдары, белгилүү агартуучулар  Ишенаалы Арабаев,  Токчоро Жолдошев,  КасымТыныстанов, Евгений Поливанов, Ташым Байжиев, Зияш Бектеновдордун жаркын элестерине арнаймын!

Түзүүчү

 

«МАНАС» ЭПОСУНУН ХРЕСТОМАТИЯЛЫК  ВАРИАНТЫ

(Кириш сөз)

Закымдап учкан мезгил өтүп, доорлор, кылымдар алмашкан сайын беттеринде нур чачыраган бермет сыңары, кудум эле сыйкырдуу, кереметтүү асыл таш сыңары кыргыздын Башкы китеби, Ыйык дастаны аталган «Манас» мурда кезикпеген жаңы түскө боелуп, мурда көрүнбөгөн нурларын чачыратып, ого бетер жаңырып да, жашарып да келет. Чоң манасчылар аталган сөз генийинин талантынан жаралган кыргыз эпосунун күчү мына ушунда жатканын айтып олтуруунун канчалык кажети бар дейсиз. Көлөмү жагынан болсун, көркөмдүгү жагынан болсун, «Манас» дүйнөлүк эпос экенин сөз билген адамзаттын тарыхы көрсөтүп да, далилдеп да турат. Батыш адабиятынын же чыгыш адабиятынын туу чокулары аталган эпостор жазуу түрүндө гана, өзгөрбөй сакталып калса, кыргыз дастаны ар мезгилде ар түркүн түс алып, атам замандан бери оозеки түрүндө айтылып, илим-билим өсүп, жомоктогу акылман насааттар элибиздин делебесин козгоп, үмүт, кайрат берип, биз өмүр сүрүп жаткан XXI кылымга чейин төгүлбөй-чачылбай жетип, Жараткандын кыргыз уулуна ыйгарган төлгөсү экендигин кабарлайт, ал ар бир доордо жаңы түргө, жаңы мааниге  өтүп, түбөлүк жашыл арчадай  көктөп турат. Ар бир окуядан, ар бир кейипкердин жүрүш-турушунан, кулк-мүнөзүнөн   өзүбүзгө тааныш, биз аралашып жүргөн жагдайларды, шарттарды кезиктиребиз, чече албай ойлоп жүргөн суроолорго жоопторду Улуу дастаныбыздан тапсак болот. Эпостун гениалдуулугу да, залкарлыгы да  мына, ушунда!

Ошону менен бирге Совет доорунда Улуу эпостун тарыхый жолунда аябагандай оор, кыйчалыш мезгилдер, түшүнбөстүктөр, бут тосуулар, башкача айтканда «Келкел» же «Кеткет» замандар да болгон. Кечээки эле тарыхыбызга көз жүгүртсөк «Манастын» айланасындагы жан кейиткен, адилетсиз фактыларга кездешебиз. 1925жылы Ишеналы Арабаевдин демилгеси менен Сагымбай Орозбак уулунун «Манасы» кагазга түшүрүлүп бүтөөрү менен жаш окумуштуу Касым Тыныстанов дастандын хрестоматиялык вариантын, түсүн окуу жайлар үчүн басып чыгаруу маселеси менен жетекчиликке кайрылат, ага Киробкомдун катчысы Төрөкул Айтматов макулдугун билдирип кол коет1. Манасчылардан эпостун башка варианттары да жазыла баштайт. Бирок, атаганат, иш жакшы жүрүп баратканда Совет бийлигинен мурда жаралган адабий мурастарга болгон компартиянын саясаты кескин өзгөрүп, Касым Тыныстановдун театрда коюп жаткан «Манасы» сахнадан алынып, автору партиядан чыгарылып, кызматынан бошотулат2.

1935-жылы «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн Бүткүл союздук конференцияда «Манас» элдик дастанбы же өткөн доордогу бай-манаптардын саясатын даңазалаган жомокпу? – деген маселе талкууланат. Конференцияны Кырсовнаркомдун төрагасы  Б. Исакеев башкарып, профессор К. Тыныстанов доклад жасайт, конференция Манас залкар адам болгондуктан, анын кетирген каталары да ошончолук зор болгондугун, кол жазмаларды иргеп, тактап, бир нукка келтирип, компартиянын саясатына ылайыксыз жерлерин тазалап, сөз арбытып кайталанган жерлерин, негизги мазмунуна тие шеси жок окуяларын кыскартып, кыргыз элинин нукура маданиятына, адеп-ахлагына, абийирине шек келтирген  эпизоддордон арылтып, «Чоң казаттын» кайгылуу маанисин тактап, Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынын негизинде окуу китеби түзүлсүн деген чечим чыгарып, атайын комиссия түзүлөт3. Манастын Кытайга каршы Чоң казаты эки элге тең бүлүк түшүргөн кайгылуу окуя экени ачык көрсөтүлүш керек деген талап коюлат.

Казакстандан келген жаш окумуштуу Мухтар Ауэзов өзүнүн билдирүүсүндө «Манас» нукура элдик чыгарма экенин ишенимдүү тактап берет.

Эпосту башка элдерге кенен жайылтуу, тааныштыруу максатында орус тилине которууга конкурс жарыяланып,

Москвалык котормочулар С. Липкин, М. Тарловский, Л. Пеньковскийлер жеңишке ээ болуп, дастандын сапма-сап котормосун  көркөмдөтө башташат.

1936-жылы К. Тыныстанов жетектеген Маданий курулуш институтунун (кийин Кыргыз тили жана жазуу институту) профессору Е. Д. Поливанов «Манастын» кыскартылган кошмо вариантын түзүү өтө эле начар жүрүп жаткандыгын, орусча котормосунун көркөмдүгү жана мазмуну түп нускадан бурмаланып кеткендигин билдирип («не отвечает обùему смыслу и духу киргизского текста»), республиканын жетекчилигине кат жолдойт4. Котормодо Манас миңдеген элди Көкөтөйдүн ашына туш тараптан чакырып, бир нече ай ойноп-тойлоп, шапар тээп, чоролору менен ичип-жеп, зөөкүрлөнүп, элдин малын кырат экен:

На поминках сам охмелел… Оттого киргиз обниùал,   Что Манас весь мир угоùал… Манас продолжал вблизи Каркыры    Свои разорительные пиры…

Тот, кто скот безмятежно пас,

В ниùете сегодня увяз… 5

Буга нааразы болгон кыргыз кандарын Манас коркутуп-үркүтүп, олжону Кытайдан алып, чачылган байлыктын ордун толтурабыз деп Чоң казатка айдап жөнөйт. Мусулман динине кирбей койгондугу үчүн атасынын башын ыргыта чаап, кыргыздарга качып келген Алманбет Коңурбайдын кейпин кийип, Сараласын Алгарага окшотуп бо¸п, кытайларды алдап жылкысын тийип, сакчыларын өлтүрүп, баатырларына уу берип,  куулукшумдуктар менен бүт Кытайды ээлеп,  эл-журтун зордук менен мусулман динине киргизип, байлыктарды жүздөгөн төөлөргө, пилдерге жүктөтүп, миңдеген кыздарын олжолойт, Манасты Бээжинге кан көтөртөт. «Чоң казаттын» орусча котормосу:

… И Алманбет надел венец,

Стал он ханом племен, городов,

Все двенадцать старейшин родов, Каждый престолом завладел… Так Манас властелином стал, Ханом над Бейджином стал…

Над Бейджином, куда Сулейман

Не сумел ни разу попасть, Утвердился дух мусульман,

Утвердилась киргизская власть6.

Чоң казаттын орусча котормосу ушундай саптар менен аяктайт. Манас    чачылган элин жыйнап, бириктирип, душмандан коргогону, кыргыздын күчтүү каганатын курганы, Чоң казатта чоролору бүт кырылып, өзү оор жарадар болуп, өлүм алдында  эл-журтунан кечирим сурап ыйлап турган, кайгылуу окуясы жөнүндө котормодо эч кандай сөз  да  жок.

1937-жылдын сентябрында Кыргыз компартиясынын экинчи катчысы Х. Жээнбаев «Манас» эпосунун орусча текстинде мурда айтылган талаптардын аткарылбагандыгын, баскынчылык, улутчулдук (пантүркизм), динчилдик (панисламизм) идеялардан тазаланбагандыгын, демек, бул китепди жарыялоо саясий зыяндуу иш болорун билдирет7.

Көп өтпөй, 5-ноябрда  Кыргыз компартиясынын бюро сунун эпостун «Чоң казат» окуясынын орусча мазмуну бузукулук менен даярдалган, кайрадан оңдолуп, комитет бекитмейинче басмага берилбесин» – деген чечимине биринчи катчы М. Аммосов кол коет8. Жаңы комиссия түзүлөт. Ошол эле жылы сталиндик репрессиялар күчөп Сагымбайдын «Манасын» жаздырган Ишенаалы Арабаев, эпостун кыскача вариантын кыргыз жана орус тилдеринде редакциялаган башкы редактор Токчоро Жолдошев, Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, республиканын жетекчилери Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Морис Белоцкий, Хасан Жээнбаев, Максим Аммосовдор, «Манас» комитетинин мүчөлөрү улутчул Алаш-Ордо, Социал-Туран партияларынын колдоочулары деген күнөө менен түрмөгө камалып, «эл душмандары» аталып, атууга кетишет. Ошону менен «Манас» иштери токтойт. Ал эми «бузукулук менен даярдалган» «Чоң казаттын» орусча тексти Москвадагы басмада кала берет. «Манас» боюнча кабыл алынган чечимдер НКВДынын архивине кетет. Хрестоматиялык окуу китеп түзүлбөй калат.

1940-жылы СССР ИАнын кыргыз филиалынын «Манас» секторунун башчысы Ташым Байжиев Кыргыз компартиясынын биринчи катчысы Н. Ваговго жазган катында: «Кыргыз элинин залкар эпосунун көркөмдүгүн, терең маанисин калың элге жеткириш үчүн басмага даярдалган «Чоң казаттын» кайгылуу  уландысы «Кичи казатты» кошо бастыруу зарыл» – деп билдирет9. Бирок, партиялык Бюро «Басмадан «Чоң казат» чыкмайынча, анын уландысы «Кичи казатты» чыгаруунун кажети жок» – деген чечим кабыл алат10.

1942-жылы эпостун варианттарын тактап, «Семетейдин» варианттарын Шапак, Акмат Рысмендеевдерден жаздырып жаткан Т. Байжиев, Сагымбайдын айтуусундагы «Манасты» кара сөз менен жазып бүтүргөн З. Бектеновдор согушка кетишет, басмага даярдалган китептер дагы чыкпай калат…

1947-жылы «Манас» эпосунун 1100 жылдык мааракеси өткөрүлмөк болот. Юбилейлик комитеттин төрагалыгына И. Раззаков дайындалат. Бузукулук менен даярдалып, 1936-жылдан бери басмада жаткан «Чоң казаттын» котормосу «Великий поход» бир сабы да оңдолбостон юбилейлик комитеттин өтүнүчү менен 1946-жылы  чоң кызыл  китеп болуп Москвадан жарык көрөт. «Кыргыз элинин оозеки залкар мурасы «Манас» атактуу манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдердин айтуулары боюнча түзүлдү. Бул китеп совет элинин сталиндик достугун чыңдайт» – деп алардын варианттарын жазып алган Ы. Абдрахмановду, котормочулар С. Липкин, М. Тарловский, Л. Пеньковскийлерди, китепке баш сөз жазган редакторлор Ө. Жакишев менен Е. Мозольковду, сүрөтчүсү Г. Петровду Сталиндик сыйлыкка көрсөтүшөт11. Сагымбай, Саякбайдын сүрөттөрү китептин биринчи беттерине басылып, кириш сөзүндө алар улуу манасчылар катары бааланышат. Бул сунушка Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы И. Раззаков, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Н. Боголюбов кол коюп, «Великий походду» Сталиндин өзүнө жиберишет. Ошентип, бул китептин чыгышына өтө бийик коомдук-саясий маани берилет. Бирок, сыйлыктын ордуна эпоско саясий дооматтар коюлат. Эпостун баш каарманы өз элин куруткан – эксплуататор, Кытайды басып алып, мүлкүн олжологон – баскынчы, талоончу, башка диндеги элдерди күчтөп, мусулмандыкка киргизген зордукчу, «Манас» аркалуу панисламизм, пантюркизмди элге тараткан Сагымбай, Саякбайлар реакционерлер; мындай идеясы бузук китепти котортуп, басмадан чыгарып, өкмөт менен партиян ын атынан Сталиндик сыйлыкка көрсөтүп кол койгон Кыргызстандын жетекчилери  саясий жоопкерчиликке тартылмак болот. Алар күнөөнүн баарын окумуштуу-адабиятчыларга оодарат. Илимдер Академиясынын жетекчилери иштен алынат, компартиянын катарынан чыгарылат.

«Манас» жана фольклор боюнча түзүлгөн окуу китептер мектептердин короолорунда өрттөлөт. Т. Байжиев, З. Бектенов 1949-жылы «Великий походдон» үч жылдан кийин түзүлүп, Мамлекеттик конкурста сыйлыкка ээ болгон  «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китебинде Сагымбай менен Саякбайды атактуу манасчылар дешкени үчүн 37-жылы атылып кеткен «эл душмандарынын» ишин улантып, Совет бийлигине каршы иш жүргүзгөн улутчулдар катары он жылга кесилип, түрмөгө кетишет.

1952-жылы «Манас» эпосу  боюнча өткөрүлгөн Бүткүл союздук конференцияда: «Манас» эпосу кыргыз элинин көркөм чыгармасы, бирок бай-манаптар, «беттери ачылган эл душмандары» И. Арабаев, Т. Жолдошев, К. Тыныстанов, Б. Солтоноевдер манасчылар аркалуу элге жат, улутчул  саясатты киргизишкен, Т. Байжиев, З. Бектеновдор алардын ишин уланткан» – деген чындыкка сыйбаган адилетсиз жыйынтыкка келишет. Москвада жарык көрүп, кыргыз элинин гениалдуу эпосунун беделин төмөн түшүргөн «Чоң казатка», С.Липкиндин 1948-жылы чыккан «Манас великодушный» деген китебине тыюу салынат, автору З.Бектеновдун кол жазмасын пайдаланып, анын атын атабай, мазмунун өз билгендей бурмалаган үчүн сөгүш алат12.

1937-жылы «Чоң казаттын» бузукулук менен даярдалган «эл душмандары» тыйуу салган Партбюронун чечимдери, 1940-жылы Ташым Байжиевдин «Чоң казаттын» кайгылуу уландысы басмадан чыкпаса эпостун терең мааниси калың элге жетпейт деген каты партархивде жатса да, аларды комиссиянын мүчөлөрү карап да коюшп айт.

Акыры 1958–60-жылдары «Манас» эпосунун үчилтигинин курама  варианты проф. Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциялоосу менен жарык көрөт. Окумуштуу ал вариантка жазган баш сөзүндө: «Манас жөнүндө пайда болгон баатырдык жомок алгачкы кездерде көп чоң эмес, чакан гана чыгарма болсо керек. … Эпостон орун алган тарыхый окуяларды, идеологиялык мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилдик формасын, сюжеттик сызыгын, варианттардын ортосундагы каармандардын образдарын, алардын граждандык тарыхтагы фактылар менен байланышын ж.б. маселелерди терең изилдөө керек. … «Манас» жомогунун негизги идеясын жана сюжеттик эриш-аркагын туура табуу жана терең түшүнүү үчүн биринчи кезекте белгилүү варианттардын мазмунундагы, сюжеттик түзүлүштөрдөгү окшоштуктарды жана айырмаларды салыштырып, талдап чыгуу керек. …Дастанды манасчылар эл алдында оозеки аткарганда, айрым өөдө-төмөндүктөр, кайталоолор байкалбай кала берген. Эпос китеп түрүнө айланганда… жалаң гана тексттин таасири калат. Ошондуктан текстте мурун байкалбаган кайталоолор, ырлардын такшалбагандыгы, айрым эпизоддордун бири-бири менен жетиле данакерленбегендиги көзгө чалдыгат» – деп жазган13.

XX кылымдын аягы XXI кылымдын башында эпостун жаңы варианттарын түзүүгө профессионалдык адабияттын белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Манас» эпосун окуп-үйрөнүүнүн, эл арасына кеңири жайылтуунун жаңы мезгили келди. Доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эпосту  жарыялоодогу  зор эмгеги, Ашым Жакыпбековдун кара сөз варианты, акын-драматург Ж. Садыков, белгилүү манастаануучулар К. Садыков, Р. Кыдырбаевалардын 1999-жылы жарык көргөн кыскартылган варианты, жазуучу-драматургдар Бексултан Жакиев, Мар Байжиевдер тарабынан ишке ашырылган эпостун варианттары  мунун ачыктан ачык далили. Ушул жерде Чыңгыз Айтматовдун: «эпос маалыматтык ренессансты башынан өткөрүп жатат. Коммуникация заманында жашап жаткан азыркы күндүн адамынын эпосту кабыл алгандай убактысы жок. Ал эпикалык мейкиндикке кирүүнү талап кылат. Анын үстүнө анын менталитети да, ой жүгүртүүсү да башка. Ал маалыматты гезиттен, телевидения берип жатканда, бүкүлү бойдон кабыл алганга көнүп алган. Ага сценария сыяктуу башкача бир нерсе керек» – деп айткан сөздөрү эске түшөт. М.Байжиевдин үчилтик варианты ушул мезгилдин көркөм талаптарына жооп берет. Манасчы  ырды жамгырдай төгүп айтып жаткан мезгилдеги окуялар кынтыксыз монтаждалган, көз алдыдан ырааты менен чубап өтүп жаткан  кино кадрларын элестетет.

Белгилүү драматург, прозаик, котормочу Мар Байжиевдин кийинки мезгилдерде «Манас» эпосу боюнча жасап жаткан иштери кыргыз элинин чыгаан агартуучулары Ташым Байжиев, Зияш Бектеновдордун эпос жаатындагы толук бүткөрө албай кеткен эмгектеринин логикалык уландысы десек болот. «Сказания  о Манасе, Семетее, Сейтеке» китеби эпостун  үч  бөлүгүн  тең орус окурмандарына, ошону менен бирге эле дүйнө элдеринин окурмандарына жеткирүү үчүн жасалган чоң эмгектин башаты. Эгер биз бир саамга Мар Байжиевдин өмүр жолуна, чыгармачылык тарыхына көз чаптырсак, анда жазуучунун чыгармачылык тагдырындагы  «Манас» эпосунун ордун, маанисин анын прозасынан, драматургиясынан, котормолорунан, адабий жана публицистикалык макалаларынан  баамдабай койбойбуз.

Сагымбай, Саякбай жана башка манасчылардын айтуусунда чынында эле «пантюркизм, панисламизм» идеологиясы угулуп турганын Мар Байжиев  өзүнүн изилдөөлөрүндө ишенимдүү түшүндүрөт.

«1869-жылы В.Радлов жазып алган вариантта орус эли менен кыргыз элинин достугу баяндалат. Ал тургай Манас Каныкейге үйлөнөрүндө  Ак-падыша калыңына  бир куржун алтын-күмүш акча да берет. «Уктасаң тынч жатарсың, оруска барып батарсың… Орустун эли боорукер, оруска кирип жай алгын» – дейт экен Манас керээзинде.

Бирок 1916-жылы кыргыз эли тили башка, дини башка эки  чоң элден (демек, каапырлардан) запкы көргөндө, калың элибиздин диний улуттук көз карашы чечкиндүү түрдө өзгөрөт, Туркестандын элдери тили боюнча (пантюркизм), дини боюнча (панисламизм) биригишпесе, башка элдерден кор болот деген саясый түшүнүк жаралат. Акпадыша кулаганда, Алаш-Ордо, Социал-Туран сыяктуу саясый партиялар курула баштайт…

Советтер Союзундагы бүт бийликти большевиктер алганда, башка партиялардын бардыгын жоюп, мүчөлөрүн, колдоочуларын кыргынга учуратат.

1916-жылкы кыянатты өз көздөрү менен көргөн Сагымбай, Саякбай, Багыш Сазан уулу жана башка манасчылар элдин жаңы көз карашын «Манас» аркалуу калың элге жеткирген, Манасчылардын залкар, гениалдуу сүрөткерлиги мына ушунда» – дейт М.Байжиев14.

Колубуздагы Мар Байжиев түзгөн эпостун үчилтигинде да ар бир чоң манасчынын айтуусуна мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдүн  бар экендигин, баарынан мурда бул варианттын адабий, байжиевдик  вариант экендигин белгилеп кетүүбүз керек. Китепти түзүүдө жазуучу-драматург эпостун көптөгөн варианттарын дыкат карап чыгып, чыгарманын композициясына, структурасына эч доо кетирбей чыгармачылык менен иштеп чыкканына, кай бир учурларда (китеп негизинен хрестоматиялык окуу китеби болуп жарык көрүп, көбүнесе окуучу-жаштарга арналып жаткандыктан) азыркы күндүн  кош тилдүү (билингвист) манасчысы катары мезгилдин курч маселелерине жаңы басым коюп, жаңы ой кошуп  айткандыгына күбө боло алабыз. Андай саптар педагогикалык-этикалык максаттардан улам пайда болгондугу ачык эле көрүнүп турат. «Эмне себептен Манас Көкөтөйдүн ашына кечигип келди?», «Манас кандай максат менен Бээжинге барды?» деген,  дагы-дагы  ушул сыяктуу суроолор көп учурларда окуучу-жаштар тарабынан арбын берилет. Кыргыздын жеңилбес айкөл баатыры Манас Чоң казатка чыгып, кандай кыянатка кабылды? Эмне себептен Семетей баатыр чыккынчылыктан курман болду? Кыргыз эли кандай үмүт, ой-тилектер менен 12 жаштагы Сейтекти кан көтөрүп алышты? Манастын керээзи, элдин ошол ой-тилеги, үмүтү, Бакайдын батасы азыркы заманда ишке аштыбы, орундалдыбы? Бул суроолордун баарына жооп алыш үчүн эпостун үчилтигин бир олтуруп, баш көтөрбөй окуп чыгыш керек.

М. Байжиевдин вариантында булардын баарына ачык, далилдүү жооп алууга болот. Эпос ашыкча кайталоолордон, логикалык жактан туура келбеген элементтерден тазаланып,  тартипке салынган. Буга мисал катары «Сейтек» эпосундагы кыргыздын каада-салтына, үрп-адаттарына, маданиятына туура келбеген жерлердин киргизилбегендигин көрсөтүүгө болот.  Эгер эпостогу кайсыл-бир эпизод Сагымбайда кездешсе, ошол эле эпизод Саякбайда жок болгон учурларды билебиз. Мына ушундай учурларда түзүүчү  башка манасчылардын варианттарына кайрылат, өз бүтүмүн профессионал адабиятчы, жазуучу-драматург катары ишенимдүү, далилдүү чыгарат. Дагы бир белгилей кете турган жагдай, эпостун бул сунушталып жаткан варианты «Манас» эпосу боюнча хрестоматия-китеп катары окуучу-жаштарга арналып түзүлгөндүгү. Бул мезгилге дейре бир китептин ичине баары топтолгон (эпостун үч бөлүгү, манасчылар жөнүндө маалыматтар ж. б.) мындай китеп  окуучу-жаштардын колуна тийе элек болчу. Көбү мурдагы жарык көргөн көлөмдүү варианттарды аягына чейин чыдап окуп чыга да алышчу эмес, керек эпизоддорду ар кайсы булактардан издеп калыша турган. Ошентип, бул вариант окуучу-жаштар үчүн абдан керек варианттардан болуп калаары шексиз. Кандай болгон күндө да эпостун ар кандай варианттарын жарыялоо, өзү эле улам кайра жарала берген Феникс кушун эске салат. Эпостун кысылган вариантын түзгөн Б.Жакиев жазгандай: «Балким ушуну менен да иш бүтпөстүр, мындан да тыкан кысылган варианттын түзүлүшү мүмкүн… «Манасты» калктын калың катмарына жеткирип, кенен жайылтуунун жолдорун издөө токтобошу керек… Эпосубуздун дүйнөлүк мааниси ошону талап кылат» – дейт.  Бул өңүттөн алып караганыбызда эпостун Мар Байжиев түзүп,  жарык көрүп жаткан хрестоматиялык жаңы варианты  көпчүлүк, өзгөчө окуучу-жаштардын сүйүп окуй турган китептеринин бирине айланаарына ишеним чоң.

Айыпсыз курман болгон Касым Тыныстанов менен Төрөкул Айтматовдун «Манас» боюнча хрестоматиялык окуу китепти түзүү демилгеси 85 жылдан кийин ишке ашты десек болот.

Ошентип, бул китеп биз жогоруда кеп кылгандай кандуу да, кайгылуу да, тар да, тайгак да жол басып келди. Ошондуктан Мар Байжиев дастандын өзү түзгөн хрестоматиялык вариантын «Манас» эпосу үчүн куугунтук жеп, эркинен ажырап, курман болгон кыргыз элинин чыгаан уулдары, белгилүү агартуучулар Ишенаалы Арабаев, Токчоро Жолдошев, Касым Тыныстанов, Евгений Дмитриевич Поливанов, Ташым Байжиев, Зыяш Бектеновдордун жаркын элестерине арнаган.

 

Эсентур КЫЛЫЧЕВ

Эсентур Кылычев 1952-ж.  Нарын областынын  АкКыя айылында туулган, 1975-ж. Ленинград университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгектене баштайт. «Улуу манасчы Сагымбай», «Үркүн», «Кыргыздар», «Аялзатка таазим», «Учкун» ж.б. көптөгөн  китептердин  түзүүчүсү  жана редактору, адабий коомчулук  жылуу кабыл алган поэтикалык жыйнактары көп тилдерге которулуп, басмадан чыккан. Кавабатанын, Чуковскийдин, Рерихтин, Шукшиндин, Тендряковдун ж.б. көптөгөн акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон «Эр Төштүк», «Олжобай менен Кишимжан баяны», «Манастын бала чагы», «Манас – кыргыздардын улуу каны», «Кожожаш мерген», «Кыргыздардын кереметтүү жомоктору», «Айбанаттар жөнүндөгү  жомоктор», «Сыйкыр таш» сыяктуу китептерин окуучуларга  тартуулаган. Бишкек гуманитардык университетинин доценти, «Манас» эпосу боюнча сабак берет.

  1. «Судьба эпоса «Манас» после Октября». Сборник документов.Бишкек, 1995-ж., 5-б.
  1. Ошол эле жерде, 13-б.
  2. Поливанов Е. Д. Киргизский героический эпос «Манас». Бишкек, 1999 г., 44-б.
  3. Манас. Киргизский эпос. Великий поход. Бишкек, 1994 г., 33-34-бб.
  4. 1936-жылы даярдалган «Чоң казаттын» котормосу «Великийпоход» 1946-жылы эч бир оңдоосуз өзүнчө китеп болуп Москвада басылып чыккан. Ошол эле китеп 1994-жылы мурдагы калыбында эле эч өзгөртүүсүз  кайрадан жарыяланган. Жогорудагы  мисалдар ошол китептен берилди.
  5. Манас. Киргизский эпос. Великий поход. Бишкек, 1994 г., 393-б.
  6. «Судьба эпоса «Манас» после Октября». Сборник документов.Бишкек, 1995-ж.,25-26-бб.
  1. Ошол эле жерде, 26-27-бб.
  2. Ошол эле жерде, 41-б.
  3. Ошол эле жерде, 44-б.
  4. Ошол эле жерде, 55-57-бб.
  5. Ташым Байжиев. «Седеп» Бишкек. 2003-ж. 297-бет.
  6. Манас, 1-том, Фрунзе, 1958-ж.
  7. Байджиев М.Т. «В битве за истину», «Седеп» Бишкек 2001-ж. 211-271-беттер.

М А Н А С

Сагымбай Орозбак уулу (1867–1930-ж.ж.)

ЖОМОК  БАШЫ

Байыркынын жомогу

Айтпай кетсек болобу, Көбү төгүн, көбү чын, Көпчүлүктүн көөнү үчүн. Көрүп келген киши жок, Көбөйткөн менен иши жок. Жармы төгүн, жармы чын, Жарандардын көөнү үчүн. Жанында болгон киши жок, Жалганы менен иши жок.

Уламадан уккан сөз, Улам бирге жуккан сөз. Карылардан алган сөз, Калк ичинде калган сөз. Арбын жомок, толгон сөз, Ат көтөргүс болгон сөз.

Азамат эрге конгон сөз. Эрендерден калган сөз, Энчи кылып алган сөз. Как жүрөккө конгон сөз, Кайнап ичке толгон сөз. Жоого чыккан баатырдын Жанжөкөрү болгон сөз. Белес, белден, бороондон Беш удургуп өткөн сөз. Баласына атасы Мурас кылып кеткен сөз. Атпай журтка эп болуп, Унутулбай жеткен сөз.

Канча кылым бул жомок

Калың элге дем болгон, Кажыбаган эрлери

Кайрат берээр бел болгон.

Ошол күндөн ушул күн

Төккөн кумдай күн өттү,

Түгөнбөс нечен түн өттү, Санжыргалуу шер өттү, Эчен түркүн эл өттү. Алышканын жок кылган Албан түркүн эр өттү.

Элүү жылда эл жаңы, Жүз жыл өтсө жер жаңы. Бабалардан уланган Биз экенбиз бер жагы.

Канчалык эрлер көз жумуп,

Кандары суудай агылды…

Найзалар төшкө сайылды, Кылычтар шылый чабылды.

Ошол күндөн ушул күн

Коо бузулуп, сай болду, Асты-үстүнө айланып,

Сай бузулуп, тоо болду,

Тоо бузулуп, коо болду. Калдайып жаткан жериңдин Кайсы жери соо болду?!

Аты калып, өзү жок,

Ар кандай элдер жоголду,

Деңиз соолуп, чөл болду, Чөл бузулуп, көл болду, Түз бузулуп, төр болду.

Байыркынын алпы көп,

Баш айланткан салты көп,

Ок тиштешкен анты көп,

Айтаар сөздөн шашпайлы, Айкөл Манас баатырдын Баянынан баштайлы.

 

АЛООКЕ КАНДЫН   КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАПКАНЫ

Түпкү атасы түгөл кан,

Түбүнөн Кыдыр даарыган,

Түпкү атасы Кыргыздан

Туулуптур Каракан,

Каракандан Угузкан, Угузкандан Аланча, Аланчадан Байгур кан.

Байгур кандан Бабыр кан,

Бабыр кандан Төбөй кан,

Төбөй кандан Көгөй кан,

Андан Чыйыр, Шыгай кан, Үчүнчүсү Ногой кан. Орозду, Үсөн, Бай, Жакып Ногой кандан тараган.

Кайраты мыкты, заары күч,

Катылганды кылган түз

Кабылан экен Ногой кан

Жалтанбас болуп туулган, Жалпыга даңкы угулган. Кыжырына тийгенде, Душманга салган чуулган. Ал Ногой кан өлгөндө,

Кайра келбес чын жайды

Кайран киши көргөндө,

Кара кытай, манжуудан

Алооке деген кан чыгып, Айбатынан жан чыгып,

Талдын баарын кулатып,

Тамдын баарын уратып,

Капарсыз жаткан кыргызды Такыр чаап алды эми. Ошондо кытай Алооке Ордону бузуп, күл кылып,

Катындардын баарысын

Жетим-жесир тул кылып,

Түркүгүн сууруп алды эми, Дүмөктү башка салды эми. Каны жок каңгып, карайлап, Талоон болду кайран эл!

Адырдагы жылкысын

Алооке тийип кетти эми. Короодогу малдарын Токтотпой айдап өттү эми. Калдайган калың кыргызга Кыйын мүшкүл салганы.

Кыйла жанды кырды эми, Кыздарды олжо кылды эми. Кайраттуусун байлады, Кармап алып жайлады. Алардан калган балдарды Дене-кул кылып алганы. Эркинче жаткан кыргыздын Ушинтип шору кайнады.

Журттун баары чабылып,

Өлөйүн деп өлө албай,

Өкүмү жок курган журт, Мүшкүл болду ушундай!

Жай-жайынан кыргыздын

Жалпы баарын көчүрүп,

Арга калбай жашаарга Алды кетип Бапанга,

Бирөө тентип Алтайга,

Бирөө тентип Каңгайга,

Бирөө тентип Эренге,

Бирөө түшүп кетти тереңге… Үсөндүн колун байлады, Орконду көздөй айдады. Байдын колун байлады,

Желпиниш көздөй айдады.

Тун уулу кайран Орозду Айдалды ыраак ал дагы.

Акбалта менен Жакыптын

Колдорун артка байлады, Айылы менен көчүрүп, Тегеректеп айдады.

Жер жүзүнө даңкайтып, Баткызбай айдап баратты. Эки күнү бир жерге Жаткызбай айдап баратты. Адыр-будур бел ашты, Мунарык тарткан чөл басты. Иленин башы Үч-Арал Алтай деген жер экен. Ал Алтайды жердеген Калмак, манжуу эл экен.

Кыргыз чыккан кырк үйлүү

Кара калмак, манжуудан

Эчкинин тоңгон майын жеп,

Саанчы кирип, сүт ичип, Эптеп жанын бакты эми Жылкысын жайып күч минип. Алтайда кыргыз ичинен Акылманы Акбалта.

Кыргыздан келген көк бука,

Көк буканы союшуп, Абаң Балта кыргызга Акыл айтып турганы: – Кайгырсак да, бышсак да, Кайра кыргыз табылбайт. Оокаттын өтөт азабы, Кетмендеп жерди казалы.

Жан багуучу карыппыз,

Кара калмак, манжуунун Ортосунда калыппыз.

Атагы Алтай жер экен,

Кара калмак, манжуу журт Аштык билбес эл экен. Оруп-жыйган эгиндин Табагын тайга сатабыз.

Акыңды эмгек кайтарат,

Пайдасын жерден алабыз

Ар үйдө мал союлат

Ачкан курсак тоюнат…

Анда Жакып кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

– Азып келген кыргыздар,

Акбалта тилин алалы,

Агызып терди маңдайдан

Аштыкты айдап салалы,

Арбытып малды табалы,

Капанын баарын таштайлы, Жер айдап биз баштайлы!

Ошентип кыргыз баарысы Кызматка кирди жамысы.

Шамыянын шайлатып,

Кош өгүзүн айдатып,

Жердин жүзүн ачтырып,

Уучтап тукум чачтырып,

Жаздан жайга жарышып,

Күздө түшүм алышып,

Айдап алган эгиндин

Кочушун койго сатышып, Табагын тайга сатышып, Короосу малга толуптур. Сандыгы толо сары алтын, Көңүлү жай болуптур. Санкара күтүп, Жакыптын Санаасы кабыл болуптур. Сандыгынын баарысы Сары алтынга толуптур.

Алтайда манжуу, калмакка

«Бай Жакып» атка конуптур.

Калса да малга бай болуп,

Турганы Алтай жер болуп, Тутушканы бул жерде

Манжуу, калмак эл болуп,

Өсөөр күнү жок болуп,

Өлөөр күнүн ойлонуп,

Канча жыл жүрдү кайгырып, Бир балага зар болуп.

Чындап тилеп баланы

Жүрсө да бала көргөн жок, Арданып Жакып өлгөн жок. Эгемден бала сурады: – Ажал анык, чара жок, Аман жүрөөр санаа жок.

Акыретке бет алсам, «Атакелеп» артымдан Наалып калаар бала жок. Кара жаак айбалта Кайкалатып ким аштайт?!

Камоодо жүргөн журтумду Капа кылбай ким баштайт?!. Куруп калсын дүнүйө, Куубаш Жакып атандым.

Жашым жетти кырк сегиз, Күндө-түндө тыным жок,  Дүнүйө күттүм куп тегиз. Акыретке бет алсам, Алтын, күмүш, пул калат. Айдаган малга ээ болуп, Алтайдагы кул калат.

Оболоп учкан ак шумкар Таптап салаар кишим жок. Жаш күнүмдөн мал жыйдым Бала менен ишим жок. Мал жыйган ишим чала экен, Дүнүйө ээси бала экен.

Артыңда бала жок болсо, Дүнүйөсү курусун, Бузулуп калган калаа экен. Калктын баары сени айтат «Катыны жүрөт туубас!» деп. Эки катын алганым, Туяк көрбөй зарладым! Бай Жакыптын айтканы Байбичесин муңайтты: – Мендей курган кемпирди Мээнетке Кудай жаратты.

Элүүгө жашым жеткени, Эчактан бери түңүлдүм, Эсимден бала кеткени. Эркелеткен токолуң Эмдиге туубай неткени?

Бакдөөлөт аты коюлуп, Бала тууп бергенсип, Басып жүрөт чоюлуп.

Ачууланды Бакдөөлөт:

  • Мен шордууну «нетти» деп!..

Эжеке, сенин жолуң кууп,

Этегимен кан чыкпай

Жолуңу жолдоп кеттим! – деп, Бакдөөлөтү силкинди.

Муну укканда байбиче

Көзүнүн жашы төгүлүп, Жүүнү бошоп жыгылды Жүк түбүнө бүгүлүп:

  • Уга көр, Кудай, зарымды,

Аман коюп чалымды, Жашарта көр жанымды?!  Алда, берсең тилегим,

Аябайм сенден барымды,

Төрт түлүктүү малымды! – Деп боздоду Чыйырды.

 

ЖАКЫП, ЧЫЙЫРДЫ, БАКДӨӨЛӨТТҮН ТҮШ КӨРГӨНҮ

Ыйлап жатып байбиче

Уйкуга көзү батканда, Ак сакалдуу бир адам Пайда болду жанында:

– Барбардигер Теңирим

«Ыйлаба» – деди силерди, Мени буйруп жиберди.

Аяктай шарап ак алма,

Алгын колго, карма – дейт,–  Курсагың тойсун жалма – дейт. –

Айтканымды бил – деди,– Алтымыш кулач ажыдаар Ат ордуна мин – деди. Түшүндө жеген ак алма Курсагына толуптур. Алдындагы мингени Ажыдаар өзү болуптур. Ачууланып оп тартса, Ай-ааламды соруптур.

Ал аңгыча ойготуп,

Бай Жакып жаткан ордунан Баш көтөрдү козголуп:

  • Кайгырбачы, кемпирим,Кыдыр Алда буюрса, Кайра толоор кемтигиң.

Байбиче, билгин ушуну,

Кондурат экен Кудайым Башыңа дөөлөт кушуңу. Урматтуу бир түш көрдүм Уктабай бекер уйкуну!

Бакдөөлөт анда муну айтат:

  • Мен да жакшы түш көрдүм,Башкача сонун иш көрдүм. Бозала туйгун, боосу жез, Боору кара, мойну кез. Оң колуңа алыпсың, Обону көздөй салыпсың.

Байбичеңдин үйүндө, Балдагы алтын туурда Канатын кагып талпынат.

Үйдөн туруп талпынса Үйүмдөгү эки куш Кайра качып жалтанат. Аябай малды со¸лук,

Түлөө өткөрүп ко¸лук.– Жакыптын келди ачуусу:

  • Антип малды не кырам?Мал түгөнүп калган соң, Көргөн түшүң не кылам?

Байлык, бакыт мол деген, Биздин тирлик мал менен.

Мага жакпас сөз баштап,

Куруп кетсин аңгемең. – Таарынган токол Бакдөөлөт Бай Жакыпка кеп салды: – Не аяйсың, абышка, Колуңдагы көп малды?

Дүнүйөң арбып, чалаң жок,

Жүрөсүң ыйлап, балаң жок,

Малың бар да, элиң жок,

Байкап турсам, өзүңдүн Эл суроого эбиң жок! – Деп Жакыпты жектеди. – Макулмун – деп бай Жакып Байбиче үйүн беттеди…

              *  *  *

Жергесинде Жакыптын

Жетимиш үйлүү киши экен.

Элүү жашка чыкканча,

Тогуз жылкы, токсон кой, Уйдан союп жетини, Төөдөн союп экини.

Ак түлөөгө чакырды Он эки уруу кыргызды.

Тарттырып элге табакты, Түшүн Жакып бай айтты:

– Түшүмдө куш алыпмын, Түмөндүү жерге салыпмын. Кукулуктап үн чыкса, Куштан бөлөк үнү бар. Куйрук-башы жалтылдап, Куудан аппак жүнү бар. Алтымыш кулач жибек боо Аягына тагыпмын.

Ай мунарын жем кылып,

Аябай сыйлап багыпмын. Асмандагы канаттуу Айбатынан уча албайт. Жерде жүргөн аяктуу Желип чыгып кача албайт.

Коноорго туур жайлапмын, Алача моюн ак шумкар Ага кошо байлапмын.

Кана, журтум, жоруңар

Канаты күмүш ак туйгун Качан келип коноорун! Байбичем байкуш түш көрүп, Башкача сонун иш көрүп:

Алма жеп, ичи толуптур, Алтымыш кулач ажыдаар Ат ордуна болуптур. Ал эмине болучу,

Акылмандар отурсуң, Бу түшүмдү жоручу?

Токолум сонун түш көрүп, Үйүндө эки куш көрүп,

Боору кара, мойну кез,

Болот текөөр, боосу жез,

Капшытка туура жайлаптыр, Катыным экөөн байлаптыр. Бул эмине болучу,

Муну, журтум, жоручу?..– Жакып бай айтып токтолду, Жар-жоронун баарынан Айтаарга киши жок болду. Аш кайнамга жеткенде,

Алардын шайы кеткенде, Акбалта кепти баштады: – Бай Жакып түшү түш экен, Оңунан келчү иш экен. Ай тийген жердин баарысын Алат экен балаңыз. Күн тийген жердин баарысын Күтөт экен балаңыз.

Алтымыш кулач жибек боо

Аягына такканың,

Ай мунарын жем кылып, Азем менен бакканың.

Алтымыш жашка чыкканча Аким болуп, журт сурап, Алат экен дүйнөнү.

Ажыдаарды ат кылып,

Байбичең минип жүргөнү – Шол баланын орою Дүнүйө жүзүн сүргөнү.

Ажыдаардай айбаттуу

Эркек уул эр болуп,

Не кыйындын баарысы Эсеп берип, эл болуп, Карайт экен көзүнө. Кара тоодой касиет

Конот экен өзүңө… Бакдөөлөттүн түшүнө

Байланган эки куш кирсе,–

Эки уул төрөйт токолуң, Алат экен ал экөө Агасынын орунун.

Көкүрөк черин жазгандай

Көрүпсүңөр үчөөңөр

Дүйнөдө түштүн сонунун.

МАНАСТЫН ТӨРӨЛГӨНҮ

Чыйырды кош бой болгону Тамам үч ай жетиптир.

Байбиченин көңүлү

Жесем дейт жолборс жүрөгүн, Мындан башка самабайт, Башка тамак жарабайт.

Табылбай жолборс жүрөгү, Жин тийгенсип байбиче Жеригинен жүдөдү.

«Каңгайдын Кара мергени Жолборс атты» дегенди Чыйырды элден укканда: – Барып жолборс жүрөгүн Алып кел,– деп дегдеди. Бай Жакып буга таң калды, Акысына жамбы алды. Барса кара мергенге

Чын эле жолборс атыптыр,

Ал жолборстун жүрөгүн

Бай Жакып сатып алыптыр, Жолго кайра салыптыр. Ал жүрөктү байбиче

Казанга дароо салыптыр, Чала-була бышырып, Жалмап жеп алыптыр. Байбиченин талгагы Ошол замат каныптыр.

* * *

Бала бойго бүткөнү

Тогуз айга жеткенде,

Акбоздон бээ союлду,

Алтындан бакан коюлду.

Аны кармап Чыйырды

Айгайын салып чоюлду.

Коңшу аялдар жыйылды.

Козголгон сайын байбиче «Кокуйун!» айтып ыйынды. Бала туйлап кеткенде, Байбиче көзү сүзүлдү. Белдемчинин бүчүсү Беш жеринен үзүлдү.

Айгайын баспай байбиче Түндүктү карай түйүлдү. Аны сайын байбиче Азабын жеп үн салды: – Башымды жутчу балабы, Же жарып ичтен алабы?!

Жанымды жечү балабы,

Какчаңдаган куу Жакып, Бакдөөлөт менен калабы?! Жети күн тартты толгоону, Жергеси чарчап болгону.

  • Толгоосу эми толду – деп,–

Туур күнү болду – деп,–

Бердикенин катыны Беленденип калыптыр. Акымбектин катыны Курсагын оңдоп калыптыр.

  • Кудай берсе тубар – деп,

Акбалтанын катыны

Куруп калган Жакыптын Кулагына салыптыр.

«Байбичең тууйт» дегенде,

Бай Жакып ыйлап заңгырап,

Кайраты кетип каңгырап,

«Эркек» деп бирөө жүгүрсө, Жарылып кетээр жүрөгүм. Айылда туруп нетейин,

Жыгылсам да, талсам да, Кайрат кылып калсам да, Элге шылдың болбостон Ээнге чыгып кетейин».

Ушуну айтып бай Жакып

Кыл аркан керме шайлатты, Кырк карабоз быштыны Сүйүнчүгө байлатты: – Кыз тууса, үйдө калыңар, Кыймылдаба баарыңар.

Эркек болсо чабыңар,

Талаадан мени табыңар, Сүйүнчүсүн алыңар!

Жакып бай жолго салыптыр, Кара жалдуу кула бээ Кайкалактап калыптыр. «Эркек болсо кулуну Энчилейин уулума.

Айманбоз деп ат ко¸м Жаңы туулган кулунга». Онтолоп жатып кула бээ Тууй турган болду эми. Артынан барып бай Жакып Атынан түшө калды эми.

Аны таштап салыңар, Байбичеси Чыйырды Баянын угуп алыңар.

Каканак суусу шар этти,

Баланын үнү «бар» этти,

Карынды катуу сүзгөнү, Эки колун толтура Кан чеңгелдеп түшкөнү. Бала жерде туйлады, Бар-бар этип ыйлады.

«Эркек бекен, кыз бекен,

Мага качан айтат?» – деп,

Байбиче жашын тыйбады.

Көрө салган катынга

Эркектиги билинип,

Чочогу чыкты чороюп,

«Эркек экен» дегенде,

Эстен танып Чыйырды Жатып калды сороюп.

«Байбичеге нетти? – деп,– Мартуу басып кетти» деп, Катындын баары чочуду. Байбиче башын көтөрүп, Эсин жыйып жоошуду:

  • Дамбылданын зайыбы,Киндигин өзүң кес,– деди.

Оромолун колго алып,

Ороюн десе баланы, Ошо кезде бу бала Оң колун сууруп алганы.

  • Кокуй алат, нетти! – деп,–

Отуздагы жигиттей Колун сууруп кетти! – деп, Канымжан айта салганы. Бакырып жаткан баланы Бакдөөлөт жерден алганы. Он бештеги баладай Көтөргөндө салмагы.

«Берген экен Кудайым

Берекелүү баланы!» – Көзү каткан Бакдөөлөт Көтөрүп өөп алганы.

Үч карын майды удаалап Оозандыра салганы.

Баланы алып Чыйырды Оң эмчегин салганда.

Адегенде сүт чыкты, Экинчисин салганда, Эмчегинен кан чыкты.

Чыдай албай ошондо Байбичеден жан чыкты.

Айылдагы адамдар

Арбып-дарбып ат минип,

Адырга чапты атылып

«Бай Жакып кайда кетти?» деп, Баары жүрөт бакырып.

Кедеңдей басып Сулайка

Өз үйүнө барыптыр, Үтүрөйүп Акбалта

Үйдө отуруп алыптыр.

Көрө сала Сулайка: – Опей! – деп чочуп калыптыр. – Дүнүйөгө тойдуңбу?

Сүйүнчүгө бай Жакып Кырк карабоз байлаган.

Кырк жылкыдан бирди албай

Кандайсың шоруң кайнаган! – Акырайып Акбалта Катынын карап калганы: – Кара баскан Сулайка, Карасаңчы Кудайды!

Тоюнбаган топор бар,

Куудуңдап жүргөн куулар бар,

Мал көрбөгөн жакыр бар,

Айылда жүргөн зөөкүр бар, Короолош турган коңшу бар, Ко¸бу мага ушулар?!

Барбадым да албадым, Азыр атка минерге Келбейт менин дарманым!

Канча күндөн шол жакка Каралашып жүрөсүң, Кана сенин алганың?

– Мына менин олжом! – деп, Эки элечек, бир чепкен Сулайка таштап салганы.

Байлануу турган Көкчолок, Басыгы ылдам шайтандай. Акбалта чал бокчоюп, Аттанып чыкты чокчоюп. Айылга жакын көмүскө

Азганактай жабырда,

Аткулактуу шабырда, Кара жалдуу кула бээ

Аксур кулун тууптур.

Шыйрагын оңдоп шыпырып,

Тумшугун сыгып, телчитип, Энесине ээрчитип, Отурган экен бай Жакып. Акбалта көрүп акырды, «Сүйүнчү!» деп бакырды: – Айтканымды туюнчу, Бактылуу Жакып, күйүнчү! Карыганда байбичең Кабылан тапты, сүйүнчү! Аны укканда бай Жакып Акылдан танып оңолду: – Сүйүнчүңө, Акбалта, Алтындан алчы бир калта. Камбарбоздун үйрүнөн Тандап туруп тогузду ал! Айталаада нетели, Тезирээк үйгө жетели.

             * * *

Баласын көрүп бай Жакып, Көзүнүн жашы кылгырды. Карыганда Чыйырды

Пайгамбар тууп салгансып Аягына жыгылды.

–Уулумду келе мага?! – деп,

Баланы Жакып алганы

Бакырып ыйлап калганы.

Кубанып Жакып ыйлады, Кучакта бала туйлады. Байкайын деп баланы Бай Жакып көзүн салганы: «Маңдайы жазы, башы кууш, Бар боюнда турат тууш.

Кочкор тумшук, кош кирпик,

Көркү калча, көзү тик,

Жалаяк ооз, жар кабак Эр мүнөзү көрүнөт.

Алакан жазык, колу ачык, Аттанып чыкса, жолу ачык, Алп мүнөзү көрүнөт.

Кең көкүрөк, жайык төш

Аркасы кең, бели түз,

Айбаты катуу, заары күч Пил мүчөсү көрүнөт.

Жолборс моюн, жоон билек,

Жоорууну калың, таш жүрөк,

Жылма кабак, жылдыз көз,

Бөрү кулак, жолборс төш

Бөлөкчө түрү бар экен. – Кут кылган болсо Кудайым,

Кудайдан жашын сурайын, Кеткенден алаар кегимди, Өткөндөн алаар өчүмдү.

Кудайым өзү берди!» деп, Баласын жыттап калды эми. Жети жүз очок ойдурду,

Жетимиш үйлүү кыргызын Эт бышыртып койдурду. Калмактан канча кол келди, Казак, кыргыз мол келди. Той аяктап калганда,

Баланы Жакып алыптыр: – Ат коюңар,– деп айтып, Конокторго барыптыр.

Отурган эрлер дегдеди, Оозуна бир ат келбеди. Ат ко¸ албай алдырап,

Акылмандын баарысы Карап турду жалдырап. Асасы колдо шалдырап, Пайда болду думана: – Берсеңер эгер улуксат, Болбойсуңар убара:

– Баш жагына «мем» келсин,

Пайгамбардын сүрөтү,

Денең менен пейилиң

Дайым таза болсун дейт Мусулмандын сүрөсү.

Ортосуна «ын» келсин.

Нук пайгамбар белгиси

Адамзат кетип пейилден

Топон суу каптап келгенде

Нук пайгамбар бир-бирден

Тирүү жан салып кайыкка, Чөктүрбөй алып барган дейт Арарат-тоо жайыкка.

Аягына «сен» келсин.

Арыстандын боруму

«Кайрат» – будда тилиңде,

Агарып таң атканда,

Кеч кирип күн батканда,

Таразаң өз колуңда,

Не жакшылык кылдым? – деп

Салмагын тартып билгин дейт

Өткөн күн турмуш жолунда,

Ал үчөөнү кошкондо,

Аты болсун «Манас»! – деп,–

Алда Таала сактасын,

Алас, алас, алас – деп,– Ар балаадан калас! – деп, Бата берди думана.

Алакан жайып дүркүрөп, Ат коюлду «Манас» деп. – Эр жеткенде бул бала Маана болот журтуна. Такка конуп эр Манас

Камкор болот элине

Канкор болот душманга,

Жоо келсе кыргыз жерине! – Муну айтып замат жок болду Эми эле турган думана.

             * * *

Той тарады, эл кайтты, Токтотуп калып кыргызды Акбалта мындай кеп айтты:

– Маана берип Жараткан, Элди табат экенбиз! Киндик кесип, кир жууган Жерди табат экенбиз!

Билсең кадыр түн келди, Ойлоп көрсөң, Жакыбым, Жакшылык тиер күн келди.

Көз көргүс жерде душман бар,

Уламадан кеп уктум,

Алыста жаткан Эсенкан,

Бул кыргыздын журтунан Бала издетет деп уктум.

«Кыргыздан Манас чыгат – деп,–

Ошол Манас туулса,

Бээжинге бүлүк салат» деп,

Канына айтып далайды Билген экен көзү ачык Казыналык аярды.

Манасты издеп Эсенкан Калайманды салат дейт.

Тутанып өлгөн кызталак Туш-тушка кабар кылат дейт. Асты, кыргыз баласы, Айта көрбө «Манас» деп.

Кыргыздын баары чогулуп, Кызыр чалган баланы «Чоң Жинди» атка койолу.

Он экиге келгенде, Билбегенин билгизип, Мурдагы атын жойолу.

Он төрткө жашы келгенде,

Кармашта жүрүп катыгат,

Карап тургун ошондо,

«Кабылан Манас» атыгат! – Балтанын сөзү бап болду,

Баарынын оозу жап болду. Манастын атын бурмалап,

«Чоң Жинди» деген ат койду.

 

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ

Айдан, айдан ай өтүп, Ай мезгили болуптур. Бала Манас ошондо Жетиге жашы толуптур. Бала да болсо башынан Пендеден башка сыягы. Ар мүчөсүн карасаң, Адамдан башка турганы.

Кээ бир күнү карасаң, Кездей белин буунат, Керээли кечке жуунат. Адал-арам түк билбей

Ар бир түрлүү иш кылат

Байлатпаган жиндидей, Кыялына келгенин Кылбай койбойт билгендей. Балкайган жапжаш баланын Шер экенин ким билди! Эч нерседен жалтанбас Эр экенин ким билди!

Күйүп турган чок болду. Күлдү кыргыз ичинде Мындай тентек жок болду. Кырк баланы кырк үйдөн Бир күнү жыйнап алыптыр. Чоң Алтайдын талаага Чогулуп оюн салыптыр. Кара калмак, манжуудан Сексен бала барыптыр.

«Тентип келген бурут – деп,–

Бул буруттун балдарын

Чуркуратып курут!» деп,

Жалынса болбой урганы.

Ошондо Манас бакырды:

«Кыргыздап!»  ураан чакырды,

Кара чокмор алганы, Карсылдата салганы.

Быт-чыт болуп быркырап, Далайдын көзү чыгыптыр, Далайдын колу сыныптыр.

Сексен бала чуркурап, Качыптыр баары дыркырап.

«Бай Жакыптын бул уулу

Бир балакет кылат» деп, Калайык ушак кылыптыр. Бай Жакып байкап күүлөндү, Байбичеге сүйлөндү:

– Аңдасам, балаң акылы аз, Жөнүн таппайт, дөөлөт мас.

Алтайым жакшы жер эле.

Нээти таза, ичи кең Калмагым сонун эл эле. Бөйөндүн уулу Чаянды,

Калмак деп көөнүм жерибей, Жашыман жаным таянды.

Кызматын актап кылган соң Бакдөөлөт кызын маа берип, Чаяндан таптым аялды. Кутура берсе Чоң Жинди Кайнатат экен шорумду! Чачат экен чунак уул Санкара жыйган малымды. Төктүрөт экен чунак уул Бул калмакка канымды!

Малдын баркын билгизип,

Ошпурга малай берели. – Чакырды Жакып баланы, Мындай болду талабы: – Жылкы жок бизде, төө да жок, Жүздөн ашпайт коюбуз.

Ошпур деген чоң бай бар,

Козусун барып, багып кел,

Акысына кой берет – Ошону үйгө алып кел! –

Деп ошентип табыштап,

Ошпурга берди бай Жакып Чоң Жинди аттуу баланы.

* * *

Ошпурда жүрүп Манасың Он эки жашка келиптир. Урунаарга тоо таппай,

Урушаарга жоо таппай,

Койчулардан кырк бала

Жыйнап алып талаага

Торпок минип топоңдоп,

Чуулдап салып оюнду,

Чоң Жиндиге көп үйүр Болгон бала чогулду.

Кырк баланын баарысы

Тегеректеп Манасты

Ойноп оюн, чаң салып,

Козудан кармап союшуп,

Шишке сайып тоюшуп,

Кунан чаап, ойноп бакырат, Бакырганын байкасаң:

«Манастап!» ураан чакырат.

Аны көрүп Ошпурдун

Жүрөгү түштү болкулдап, Боконо сөөгү солкулдап: Барды Жакып байына:

– Өзүңөрдө кой багып, Жүргөн мен бир жакырмын. Айталаага кырк бала Алачыктан салыптыр.

Ортосунда жинди уулуң Султан болуп алыптыр.

Этке тойгон кырк бала

Жөө күлүк чаап бакырат, «Манастап!» ураан чакырат. Уулуңдун аты Чоң Жинди, Манас атын ким билди?!

Жинди уулуңду тыйбасаң,

Кытай, калмак, манжуу журт Балээни башка салбасын, Балаңды мойсоп албасын. Байкап туруп бу кепти Бай Жакып алды оюна:

«Баламды алып келейин, Байбиченин колуна Соо-саламат берейин».

Ошол күнү кечинде

Бай Жакып жете барганы

Койчу Ошпурдун үйүнө

Манасты атка мингизип Кайра тартты жайына. Ал талаадан көрүштү Асман баскан туманды. Кулун, тайлар куюгуп,

Кунан, бээлер буюгуп,

Токтоттурбай жылкыны,

Ортого салып токмоктоп,

Жылкычы башы Ыйманды Он чакты калмак кууганы, Таңыркап Манас турганы: – Эмне үчүн калмактар Бул байкушту урганы? Кимдин малы бул мал? – деп, Атасынан сурады.

Чынын айтты бай Жакып:

– Биздин жылкы бу мал – деп. «Мал биздики» дегенге,

«Малсызбыз» – деп өткөндө,– Калп айтканбы атам? – деп, Таңыркап Манас калганы. Жер коруган калмакка

Желдирип Жакып барганы, Озунуп барып бир калмак Жакыпка камчы салганы. Аны көрүп жаш Манас Укурук колго алганы.

Манжуунун Кортук башчысын Качырып келип жаш Манас Как төбөгө салганы.

Башка бекем чабылды, Мээси ташка жабылды.

«Кармап алып баланы,

Башына шири салсак!» деп, Калмактын баары чамынды.

Жини келген Манастын

Чапканы түштү чалкадан, Урганы түштү узундан. Аябай сабап капырды Бел ашырып качырды.

*  *  *

Алтай жерин жердеген

Алты зубун калмагы

Аралдагы Жакыптын Айлын талап алмакка Чабуул коюп калганы.

Мына ошондо жаш Манас

Көк найза колго алганы,

Кырк баланы чогултуп,

«Манастап!» ураан чакырып, Алдыга жөнөп калганы.

Баары кирди бакырып,

Кылкандай найза жапырып,

«Манастап!» ураан чакырып.

Айбатына тура албай

Калмактан келген калың жоо Ат соорусун салганы, Артына качып калганы.

Манжуунун ары бетинде,

Каңгайдын бери четинде

Жети асаба туу алып,

Жети жүздөй кол алып,

Жети жүздүн башчысы – Жеткилеңи чоң Кочку, Кол салып келип калганы.

Жергедеки кыргыздын

Кереге-уугун кыйратып,

Келин-кызын ыйлатып, Керүүдөгү жылкыны Баарын тийди чуратып, Жакыпты турду кууратып:

– Кызы талак, куу бурут, Жүргөнүң бузук бу, бурут! Дегениме көн, бурут! Өз балаң Чоң Жиндини Азыр бизге бер, бурут! Сурагыма көнөсүң, Айтканымды бересиң!

«Баламдын аты Жинди» деп, Падышабыз Эсенди Алдап жүргөн экенсиң. Манасыңды бербесең,

Айтканыма көнбөсөң,

Азыр табам жайыңды,

Чыгарамын сызгырбай Сөөгүңдөгү майыңды!

Ал аңгыча болгон жок,

Он экиде жаш Манас, Сырнайзаны колго алып, Качырып кирди бакырып.

Арт жагында кырк бала «Манастап!» ураан чакырып.

Бала Манас көкжалың

Жебеден мурун жетти эми, Жеткен жерден Кочкуну Көмө коюп өттү эми.

Манаска Жакып муну айтат: – Карангүн, мүшкүл чыр салып, Кочкуну союп таштадың! Калың каздың орумду, Кайнатмак болдуң шорумду!

Кейип Жакып турганда,

Акбалта кирди күүлөнүп, Ачуусу келип сүйлөнүп:

– Эселек Жакып, не дейсиң?!

Эркек бала шок болсун, Шок болбосо ал бала Туула электе жок болсун!

Аман болсо Манасың Өчкөн отуң тамызат, Өлгөн жаның тиргизет.

Кулжуңдаба, Жакыбым, Бул Алтайга турганда Не муратка жетели! Курган жан аман барында, Кыргызга кайра кетели!

Акбалтанын айтканын Көңүлүндө эп деди,

Азганакай кыргыздар Ата-журтун эңседи.

 

БАЛА МАНАС ЭСЕНКАНДЫН БААТЫРЛАРЫН ЖЕ¡ГЕНИ

Нук пайгамбар тушунда

Топон суу толкуп ашканда,

Жердин жүзүн басканда,

Топон суусу жете албай,

Бээжинди каптап кете албай

Чынмачын деген жер калган, Тогуз жүз түтүн эл калган.

Ошол элден уланган

Калың кытай журтунун Улугу экен Эсенкан.

Чогултуп алып бардыгын, Угузду мындай жардыгын: – Балбандарым, баарың ук, Узун кулак карың ук! Сыйкырчы, тыңчы баарың кел, Көзү ачыктан миңиң кел! Аты Манас баласын Буруттардан кармап кел! Калмактардын хан Жолой, Ишенгеним сен элең.

Ыгын тапсаң, жайлап кел. Айласын тапсаң, Манасты Акыры тирүү байлап кел. Он экиде бала экен, Манасын байлап алалык. Колго тийсе атасын, Курмандыкка чалалык.

Кадырлуусун кыралы,

Кызыталак бурутту

Кара элечек кылалы! – Деп ошентип эр Жолой

Алдындагы Ачбуудан Ойку-кайкы бастырып,

Калың колду шаштырып,

Чыңыроо тартып жез найдан,

Чымчык учпас кең сайдан Кол-кошууну козголуп, Жөнөп калды шол жайдан.

* * *

Муну укканда бай Жакып Манаска келип мындай дейт:

  • Кытайлар келип доо кылса,

Айтканына көнөлүк,

Сулуу кыздан бир тогуз

Тартуу кылып көрөлүк.

Кыйналып калган жан элек, Тирүү болуп жерде жок,

Кырылып калып жүрбөйлүк!

Анда Манас кеп айтат:

  • Кокуй, ата, деп айтат:– Жоого намыс бергиче, Ажалдан мурун өлөмүн! Малым менен жанымды

Олжого кантип беремин!

Зордукчу кара кытайга

Согушту мыктап саламын, Телпейген кара кытайдан Теңдигим тартып аламын!

Коркпо, ата, кейибе!

Найзалашып топ бузам!

Тагдыр жетсе, окко учам! –

Ошол кезде кылкылдап

Кытай каптап калганы.

Жору куйрук Жоон алп,

Кайчы кулак Каман алп Качырып уруш салганы.

Бала Манас көкжалды Ортосуна алганы. Колдун артын эр Жолой Айдап алган чагы экен. Койбочудай кармашса, Жайнап алган чагы экен.

Кол алдында чоң Дөңгө Кежиге чачы үксүйүп, Келе жатат түктүйүп.

Мурунунан чыккан буу

Кол ыштыктай буркурап, Кыргын тийген эмедей Артынан кошуун чуркурап.

Кылкүрөң менен чамынып, Манаска найза сайууга Жеткен экен камынып. Көк темирден туулга Көмкөрө кийип алыптыр. Көмө койчу эмедей Күркүрөп келип калыптыр. Кыраан Манас жаш бала Айманбоз оозун бурду эми. Тоодой болгон Дөңгөгө Токтолбой найза сунду эми:

«Кендир курдун бети – деп,– Өпкөнүн бержак чети – деп,–

Жан жеринин тушу – деп,– Өлөр жери ушу» – деп, Катуу сайып өткөнү.

Кылкүрөңдүн үстүнөн Дөңгө кулап түшкөнү.

Дөңгө аттан түшкөндө,

Кылычты Манас алганы, Башын чаап салганы.

Кылкүрөңдү Манас шер Олжолоп алды жетелеп.

Кылкүрөң коштоп чыкканча,

Кудай бетин көргөзбө,

Камышты көр, селди көр, Каптап келген элди көр,

Каардуу Жолой бакырып,

«Какандап!» ураан чакырып, Каарды катуу салды эми.

Кайнап келген көп балбан Манасты курчап калды эми.

Айманбоз менен ойнотуп,

Жеткен жерин сойлотуп, Ортосунда зор Манас Опол тоодой көрүнүп.

Каарына чыдабай Балбандар качты бөлүнүп.

Эр Манастын кырк баатыр Кара таандай кытайды Кайра айдады жапырып.

Жетик Жолой чоң балбан

Ачбууданга камчы уруп,

Качырган каман төштөнүп,

Алуучу аюу көздөнүп,

Колунда сунган найзасы Карагайдай көрүнүп, Жекеге чыгып алыптыр.

Каарына каапырдын Жер майышып калыптыр.

Айманбоз санга бир салып,

Найзасын оңдоп колго алып,

Ач арстан төштөнүп, Алгыр бүркүт көздөнүп, Алдынан Манас барды эми.

Дөөгүрсүгөн Жолойго

Имерип найза салды эми

Калмактардын чоң Жолой

Ээрден көчүк кылтайып,

Үзөңгүдөн бут тайып,

Эки өңүрү далбактап, Эки көзү алактап,

Куюшканын кармады.

Качып калган Жолойду Кабылан Манас кууду эми.

Баарынан тулпар Айманбоз

Башын жерге салыптыр,

Арбытып арыш алыптыр,

Эти кызып ээлигип,

Эң эле катуу жээлигип,

Камыштай кулак жапырып, Куюндай жерди сапырып, Тынбай чуркап калыптыр.

Айры белес тайпаңдан Айкөл Манас кабылан Алты айлантып кууду эми.

Жакындап Манас калганда,

Көсөл экен эр Жолой

Айласын таппай шашты эми, Токойго кире качты эми.

* * *

«Кара кытай, манжуудан

Кутулуп эми калдык» деп,

Курган кыргыз той кылып,

Мойнуна курун салынып,

Жаратканга жалынып, Үзүлгөнү уланды, Ушинтип кыргыз кубанды.

Манас-Манас болду эми, Манас атка конду эми.

Күйүттүү кыргыз биригип, Күтүп алаар шер болду.

Толкуган кара кытайга Тоону бузаар сел болду.

* * *

Манжунун каны Нескара, Арык казган жерде айтат:

– Ала-Тоодон сүрүлгөн

Түбүң түшкөн бурутта Түмөндөгөн жылкы бар, Толуп жаткан мүлкү бар. Чоң-Алтайдын бетинде,

Чоң-Дабранын четинде

Манас деген бала бар, Акылы жарым чала бар. Өңкөй балдар кашында, Быйыл он үч жашында. Мен ошого барамын, Тийип жылкы аламын. Атакеси Жакыптын Эшектей кардын жарамын. Жалгыз туума Манасты Тирүү байлап саламын. Алтайды көздөй баралы, Айдап жылкы алалы. Бейкут жаткан болобу, Бекер этке то¸лу.

Ээликкен Манас баланын

Эртелеп көзүн о¸лу! – Аттанып калды Нескара Алыска сапар жол алып, Калкыган калың кол алып. Нескаранын калың кол

Бай Жакыптын Кең-Арал Аягы менен өтүптүр.

Эки күнү жол жүрүп, Ат аябай мол жүрүп, Маңгулга кирип кетиптир.

Ченебей алды олжону

Нескаранын көп колу

Катындар ыйлап чуркурап,

Балдар ыйлап чыркырап,

Колго түшпөй калгандар

Кокту, жылга, тоо-ташка Качып кирди дыркырап.

Нескара баштап манжуулар Эртесинде аттанып,

Эрдемсинип шаттанып,

Он бешке толгон жаштуудан,

Олоңдой кара чачтуудан,

Көчтөн чыккан көрктүүдөн, Көмкөрө кундуз бөрктүүдөн Жүз отуз кыз алыптыр.

Эмчеги тикче, эти арык,

Маралдай бою керилген Эптүү сулуу келинден Эки жүз түшүп калыптыр.

Төөлөрдү тегиз бакыртып,

Эшектерин акыртып,

Кишилерин байлатып,

Жылдырып малын айдатып,

Көкөлөткөн көп тууну Колду жолдон көрүп ал Кулак тунган көп чууну.

* * *

Баатыр Манас жаш бала

Айманбоз минип болкоюп,

Ак найза колдо койкоюп, Нескаранын колунун Жолун тосуп чыгыптыр.

Алтай казак калкынан

Камбардын уулу Айдаркан,

Айдаркандын Көкчөсү

Кырк жигиттин башы экен,

Он алтыда жашы экен,

Кыргызга тууган, дос болуп, Манас менен кол курап, Ал да кошо чыгыптыр. Аларды көрүп Нескара Чабдарга камчы уруптур.

Нескаранын Чабдар ат Жөнөп калган чагы экен. Айманбозун чуратып,

Артынан Манас жеткени,

Сырнайза сайып өткөнү, Кансыраган Нескара Өөдөнү көздөй салыптыр. Каран калган Айманбоз Өөдөдө өксүп калыптыр. Нескара качып кеткен соң Кошууну турду калтырап. «Жан соогалап!» буркурап, Турган манжуу, калмагы: – Катылбайбыз эми! – деп, Койдой баары чуркурап.

Бала Манас ошондо: – Алты миң ашык саныңар, Качып кетти каныңар. Айткан сөзүм эп болсо, Мага келгин баарыңар!

Көрсөтпөйм деп тозокту Туткундун баарын бошотту. Душманын тууган, дос кылып, Жай-жайына кетирди. Кыргызда Манас баатырдын Кабарын көпкө жеткирди.

* * *

Арадан алты ай өткөндө,

Өткүр Манас жаш бала

Жолдошу сексен төрт болуп, Жол салган жагы өрт болуп,

Алгыр куштан алышып,

Очогор мылтык асынып,

Бүркүт алып шаңшытып, Аң уулоого чыгышты

Тайгандарын каңшытып.

Ит агытып, куш салып,

Бөрү, түлкү көп алып,

Кызыкка балдар батканда,

Асты бардыр жыйырма беш, Аягы Манас он беште, Балдар салды тамаша:

  • Атын сойгон бирөөнүАк тердикке салсакчы,

Аким кылып, хан шайлап, Улук кылып алсакчы!

Улук болом дегениң, Өз атыңды союңар, Сараң болсоң, коюңар.

«Атымды кантип сойом!» деп, Баары болбой качкан соң, Манаска келди кезеги:

  • Сексен төрттүн ичиндеСен экенсиң кичүүсү.

Каныбыз болуп каласың

Союп берсең атыңды

Бай Жакыптын баласы? – Анда Манас кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: – Атын союп, кан болуш Бул сөзүңөр эмине?!

Талгак болуп калсаңар

Бир жылкынын этине,

Айманбозду со¸юн,

Ат минбесем ко¸юн! – Айтканын угуп Кутубай Жанына чуркап барганы Кучактап айтып калганы:

– Жөө калтырып Манасты, Атын сойсок оңбойбуз, Эгерим эки болбойбуз! Айманбозду коюңар,

Боз быштыны союңар.

Байрак байлап, туу тутуп,

Баатыр Манас баланы

Кан көтөрүп коюңар. – Кабылан Манас баланы,

Качканына болбостон,

Ак тердикке салышты,

«Каныбыз!» деп дүркүрөп, Кан көтөрүп алышты.

«Кан нөкөрү – бизбиз!» деп, Кашындагы боз балдар

Каткырып жыргап калышты.

МАНАСТЫ КАН КӨТӨРҮҮ

Алтайлыктын элинен Атуулдан түк койбой Алды Акбалта чакырып: – Алтайда жаткан эл,– деди,– Токсон алты миң болдук.

Эсенкандан кол келип,

Эчен кыйла мол келип, Эрегишип жоо болдук, Жоо келсе, кайдан соо болдук!

Башчысыз эл марыбайт, Баштуу журт жоого кор болбойт, Жабылса душман жан койбойт.

Калкалайм десең жаныңды,

Калдайган журтум, биригип, Кайраты бар бирөөнү Кан көтөрүп алалы.

Кандыкка бириң чыгыңар,

Калп айтпаган чыныңар,

Казатка чыгаар тыңыңар,

Беттешкен жоого белдүүңөр, Белдешкен доого демдүүңөр, Өткүр чечен тилдүүңөр, Өкүмөт жөнүн билчүүңөр!

Акбалта мындай дегенде,

«Кан боломун калкка – деп,–

Кандай да болсо чыдаймын

Калк башкарган наркка» деп, Айтаар адам болгон жок. «Баланча болсун башчы» деп, Башкага ыраа көргөн жок. Боз балдар анда кеп айтат, Болгон ишти деп айтат:

  • Аң уулап жүрүп баарыбыз

Бир быштысын Манастын Айталаада сойгонбуз. Манастын өзүн баарылап, Кан көтөрүп койгонбуз.

Көтөргөн Манас каныбыз

Аяк менен башыңа,

Кары менен жашыңа

Келээр бекен эби? – деп,

Саламат уулу Айнакул Сан журтка айткан сөзү бул.

  • Каныбыз Манас болсун! – деп,Калктын баары дүңгүрөп, Жапырт айта салганы.
  • Бир тай союп Манасы

Кандыкты кыргыз алды! – деп,–

Сараңдык кылып сойбопсуң,

Казак куру калды! – деп,

Көкчөнү катуу жемелеп,– Туубай калсын сени! – деп,

Капаланды Айдаркан,– Кай жериңде кеми?! – деп. Акбалта айтып калыс кеп, Айгайлады мындай деп: – Кан кылбайбыз дегениң Азыр айткын сөзүңдү. Атап коюп кандыкка Артынан калбаа салбасын. «Аны койбойт элек» деп, Арманың ичте калбасын! Арстан Манас жаш бала Жыйынга басып барганы:

– Астымда жөлөк ага жок,

Артымда иним жаш жатыр, Башыма мүшкүл иш түшсө, Тууганымда дарман жок. Карып калган атамда

Кайрат кылаар шайман жок.

Талаада тай сойдум,– деп,– Кан көтөрүп койдуң, – деп, Өз напсиме тартпаймын.

Тоодой токонаалатты Өз мойнума артпаймын.

Казак, кыргыз бир тууган,

Калмагың бар, маңгул бар,

Каңгай менен тыргоот бар, Кан болуучу жан бардыр,

Бирөө чыксын бел бууган. Бошотуп мени койгун – деп,

Бала Манас айтты кеп. Чогулган элдин баарысы Камалышып калышты:

«Жаштык кылса баласы, Карыса да Жакыпты Кан көтөрүп алалы.

Не болсо да Жакып бай, Дүнүйөсү колдо бар.

Кабылан Манас баланы,

Кайрат кылаар душманга,

Баатыр коюп салалы!»

  • Көтөрдүк анда канды! – деп,–

Кан болуучу жанды! – деп,

Агала сакал Жакыпты

Алты кулач ак кийиз

Астына жая салышып,

  • Көтөрбөңөр мени! – деп,

Көсөл Жакып сүйлөдү. –

Убалыма калбаңар

Карып калган жашымда. – Муну айтып бай Жакып

Бурчактап жашын тыйбады. Кубангандан ыйлады.

Казак, кыргыз чогулуп,

Калмак, маңгул жабылып,

Ак кийиздин үстүнө

Бай Жакыпты салганы.

Баласы Манас баатырды, Атасына биргелеш, Отургузуп алганы.

Жети кадам басканда:

– Болду, балдар, болду! – деп, Жеткилең Жакып карыя Жерге түшүп калганы.

Көтөрүп алып көпчүлүк

Жеке Манас баланы

Алиги турган жыйынды Жети айланып барганы.

«Кан таажысы ушу» деп, Эр Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди. «Мураабызга жеттик!» деп, Калайык урмат билгизди. Тойду Жакып баштады, Ногойдон калган көк тууну Оболото аштады. Токсон бээни сойдуруп, Сараңдыгын таштады.

Тогуз күндө той таркап:

«Кандуу журт болуп калдык – деп,–

Кабылан Манас балага

Бийликти берип салдык» – деп,– Келгендер кетти жайына.

 

МАНАСТЫН КОШОЙ БААТЫРГА БАРГАНЫ

Абаң Балта кеп баштайт, Акырын сүйлөп, бек таштайт:

– Журт башчысы өлгөндө,

Кызык кылып биздерди

Кытай, калмак бөлгөндө,

Бирөөбүз кеттик Эренге,

Бирөөбүз кеттик тереңге,

Бирөөбүз кеттик Каңгайга, Бирөөбүз келип тыгылдык Кара калмак Алтайга.

Уламадан уласак,

Билгендерден сурасак, Ала-Тоону жер кылып, Жүргөн кыргыз бар дешет.

Алооке менен алышып, Сүргөн кыргыз бар дешет.

Катагандын кан Кошой Белгилүү балбан эр дешет.

Колуна темир күрсү алган,

Тоону кылган ташталкан,

Коргонду таштан салган дейт,

Азган-тозгон кыргызга

Акылман Кошой карыя

Башчы болуп калган дейт.

Биз айдалып кеткенде,

Бул Алтайга жеткенде,

Кыйла жыл баштан өткөндө, Келгендерден кеп уккам,

Үрбү кан аман деп уккам. Үрбүнүн жайын айтайын: Эки Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган.

Күрүчүн күздө айдаган, Күлүгүнө күрүчтүн Күрмөгүн берип байлаган.

Жалгыз жүрүп көбөйгөн,

Жарды жүрүп байыган

Таздын уулу эр Үрбү,

Атагы чыгып эр болуп,

Кайрат кылып, бел болуп,

Калкын баккан кези дейт.

Кагылайын Манасым, Ала-Тоо жолун чалып кел,

Туугандан кабар алып кел! Сапарың болсун оңунан,

Жоо чыкпасың жолуңан! Акбалтадан муну угуп,

Арстан Манас аттанды,

Ээрчиткени кырк бала,

Бөөт-чөөт көл басып,

Адыр-будур бел ашып,

Аркырап аккан суу көрдү, Аркайган Ала-Тоо көрдү.

Үч-Каркыра жерине

Жергелеше чыгыптыр, Балтырканы, шыбагы.

Белден болуп чириптир, Бетегеси, тулаңы.

Жалбырагы жаргактай

Жаткан экен Каркыра

Кара курту бармактай, Балтырканы билектей,

Маралы үркүп, чу койсо, Мала кашка инектей.

Кызыл-Кыя кымбат жол, Кылт этип ашып түштү дейт.

Ошондо баатыр оолугуп, Ысык-Көлгө жолугуп:

«Береке экен, бел экен, Пенде жүрчү жер экен.

Ортосу көпкөк көл экен, Түгөнгүс ырыс, кен экен. Жаныбарым Ысык-Көл

Жер соорусу турбайбы, Жердеген киши тунбайбы!

Өйүз-бүйүз жери тар,

Жерине сан кол бата албай Алек болчу жер экен.

Туш-туштан душман кол салса, Өзөндүн баары жол экен».

Ушуну ойлоп эр Манас

Ысык-Көл бойлоп, жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Бийиктен көзүн салганы

Дарбазалуу ордону

Чеч-Дөбөнүн боюнда Айландырган коргонду Алыштап көрүп калганы:

«Жакыптын уулу кан Манас

Алтайдан келип калды» деп

Ордого кабар болгону,

Баатыр Кошой абакең

Эрендерди жыйнатып,

Жыйылгандын баарысы Жоо-жарагын алышты, Белести тосуп барышты.

Берениң Кошой караса,

Айманбоз тулпар мингени,

Ок өтпөс торко кийгени,

Карааны тоонун теңиндей, Манас шердин өзү экен!

Караан, тууган, жер издеп, Туйгуну келген кези экен!

Эр Кошойдон бөлөгү

Аттан түшүп чуркурап,

Сүйүнгөндөн буркурап,

Тизеси жерге бүгүлдү.

Ак сакалы жаркылдап,

Абаң Кошой ошондо

Келгин каздай каркылдап, Астынан чыкты Манастын:

– Көрбөсөм да болжоймун,

Көңүлүмдө ойлоймун,

Жалгыз уулу Жакыптын, Балам Манас, сенсиңби?

Курдашым Жакып, Акбалта, Кургурларым эсенби?

Коргонду көздөй баралы,

Конуп кепке каналы,

Каран калган кыргыздын Бир айласын табалы.

Таап ал Талас жериңди, Күтүп алгын, кулунум, Күрдөөлдүү кыргыз элиңди!

Менин жайым сурасаң,

Жетик белим курчанып,

Жер жайнаган манжууга Жеке киргем кол салып.

Манжуу каптап келгенде,

«Калбайын – деп,– тутулуп»,  Көйкаптын тоосун бет алып, Качып кеттим кутулуп.

Жетимиш күнү аралап,

Качпаска кантти абакең, Жетимиш жерден жаралап.

Толкуган калмак, мен жалгыз, Томукту жара ок тийип, Толгоно албай калганбыз.

Ал күндүн несин айталык,

Селбип минген буудан жок,

Серпишип кирип, кол салсам, Караан болоор тууган жок.

Кара калмак, манжуу журт

Кечүүдөн чапты көчүмдү, Келберсиген кытайдан Алалбай келем өчүмдү.

Будурду тиктеп, белди издеп, «Кырааным качан келет?» деп, Кулагымды салгамын.

Азган-тозгон кыргыздын Эрлерин жыйып алгамын.

Туйгунум Манас, сен үчүн Баатырларды камдадым.

Аз айтканым билип ал, Арстаным Манас, тилимди ал.

Козголуп манжуу, калмагың

Колун жыйып албасын,

Элиңе кордук салбасын,

Билгенин кытай кылбасын,

Тукумуң койбой кырбасын,

Кайра тартып сен кеткин, Ашып-шашып Алтайга Азырынча сен жеткин.

Алтайда калың тууганды Айлантып аман алып кел.

Жылгындуу Кең-Кол, Талас бар – Мекен кылып, конуп бер.

Шер болуп, Манас, туулдуң, Кыргызга маана болуп бер.

Бабаңдан калган жериң тап, Чоң атаң өткөн Ногой кан, Ошондон калган элиң тап.

Бедер туткан белимсиң,

Бейпайга калган бул элди Ажыратаар шеримсиң.

«Туугандан кабар тапсам» деп,

Турбай жерди кыдырдым,

Тууган таппай безиктим, Туура пейлим ак экен, Туйгунум, сага кезиктим.

Колума менин сен тийсең,

Сексенге жашым барса да,

Түз кирип, найза сунаармын,

Түгөнүшөөр жоо чыкса, Туу түбүндө былк этпей Тууңду кармап тураармын.

Үзүлгөндү улайлы,

Чачылганды жыйнайлы,

Жоголгон жокту табалы, Журт айласын кылалы! Жолуңду Кудай ачсын! – деп, Батасын абаң бек айтты.

Айдоодо жүргөн кыргыздар:

– Аманат сага! – деп айтты.

 

МАНАС МЕНЕН БАКАЙДЫН ТАБЫШКАНЫ

Кан Кошойдон бата алып,

Кыраан Манас көкжалың

Кайрат менен аттанып,

Жылдыздын белин ашканда,

Көк тулпар сындуу ат минген,

Көк сүлөөсүн бөрк кийген,

Кынсыз кылыч байланган Белестен чыкты бир адам.

Байдын уулу эр Бакай,

Ат арытып, жер кезип,

Айкөл Манас төрөгө

Жетип чоро болууга,

Аркалап айыл конууга Издеп келген кези экен.

Бакайдын жайын билгенде, Манас айтты кубанып:

– Туйгунум, Бакай абаке!

Эки тизгин, бир чылбыр

Эл бийлигин алыңыз,

Эрдене тайтаң өзүмдү Эптүү жолго салыңыз.

Туйгунум Бакай абаке,

Астыма салсам, акжолтой Шерим Бакай экенсиз.

Аркама салсам, сан колдой Шерим Бакай экенсиз.

Кара жаак айбалта Кайкалатып аштаңыз.

Казак менен кыргыздын

Өзүңүз колун баштаңыз! –

Ошол жерде эки эрен

Келеме шарып кармашып, Чыбык кырка салышып,

«Убада бекем болсун» деп, Колдорду канга малышып, Дос болушту эрендер.

Бакайды кошуп жанына

Алтайга Манас жеткенде,

Айдыңы көпкө кеткенде,

Алтайлыктан эл калбай

Улуу жыйын топ болду, Манаска кеп токтолду: – Кыргыз, казак, жалпы журт, Корстон болбо дүйнөгө. «Короодо коюм калат» деп, Комсоо кепти сүйлөбө. Колунан келсе каканчын Аяй турган ою жок.

Алы келсе кытайдын Албай турган кеги жок. Кайнап жаткан какандын Текес кан деген дуудусу:

«Кыргыз, кыпчак, казагын

Колуна берип азабын

Кыйраталы баарын!» деп,

Жибериптир кабарын

Чиренип Чүйдү ээлеген Акунбешим паашага. – Арбагы бийик Ала-Тоо Албай кантип ко¸буз! Бабадан калган Түркстан Барбай кантип ко¸буз!

Алтымыш уруу алашты Алдырган экен кытайга Мурдагы өткөн элибиз. Түрк уулун кытай кул кылып, Куураткан экен элиңди! Кытайды кууп салалы,

Кайтарып жерди алалы.

Жерибизден айрылып, Кыяматта жүргөнчө,

Кыргыз уулу болгону  Кырылып өлүп калалы!

Баласагын калааңды,

Ташкен менен Коконду,

Самаркан менен Алайын Басып жаткан кытайдын Окуталы сазайын!

Көк асаба, кызыл туу

Аягын жерге  сайбасам,

Алтымыш уруу журтумдун

Азганын бүтүн жыйбасам, Атадан калган Ала-Тоо   Алтайдан барып албасам!

Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көр урсун!

Деп ушинтип айтканда,

Манастын антын укканда, Эл сүйүнүп чуу болду,

Алтайдын тоосу дүңгүрөп, Жер титиреп дуу болду…

 

АТА-МЕКЕНДИ ДУШМАНДАН ТАЗАЛОО

Ак асаба, кызыл туу

Айгайлаган чуу менен, Көк асаба, кызыл туу, Көк жаңырган чуу менен.

Кыргыз топтоп, мол келди.

Желек туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй

Алтайдын Арал талаасы Эр жигитке жык толду.

Күрөөкү соот жаркылдап,

Күлүк буудан алкылдап,

Кемерлер белде шаркылдап,

Кең багалек балкылдап,

Найзанын учу чабышып,

Аскердин башы кагышып,

Ногойдон калган кызыл туу Оболотуп аштады, Кан Бакай жолду баштады.

Үчтурпанды жердеген,

Урушуп адам жеңбеген,

Карасууда калаасы,

Каар аярдын баласы

Кутурган Култаң качыптыр, Терс Майоодо Текес кан, Темселеп ага барыптыр.

Манасты айтып майышып,

Текестин бутун кучактап, Ыйлап Култаң айтыптыр:

  • Камданбасаң курудуң,

Алтайдан чыкты кыргыздар, Кабарга келип турумун!

Үстүңдөн караар улугуң Акунбешим эр – деди,– Ага кабар бер! – деди. – Суң кытайдан кан койгон Орго баатыр каның бар, Ага да кабар бер! – деди.

Аны укканда калтырап, Коркту Текес жалдырап:

  • Камданалы, кокуй! – деп,

Чакыртып Куяс аярды

Доргосун дароо чаптырып, Күнчүлүк жерге аткарды.

Көзгө атаар мерген машынан,

Көз жалтанбас башынан,

Айтууга даңгыл сөздүүдөн, Алысты көргөн көздүүдөн Дүрбөтүп баарын калганы.

Түн ортосу болгондо,

  • Түк коркпо! – деп Текести,

Мактанып Куяс барыптыр, Сээр окуп, сыйкырлап, Арып дуба салыптыр: Мейли терек, мейли тал Адам болуп калыптыр.

Мейли камыш, мейли чий, Мейли куурай, мейли чөп Аскер болду сансыз көп.

Куястын көрүп өнөрүн,

Куруп кеткен Текес кан Унутуп койду өлөөрүн. «Келсе эле бурут өлдү» деп, Кенебей жатып алганы. Кер-Көлдө маңгул Оргого Издеп кабар салбады.

Акунбешим паашага Айтып киши барбады. Төртүнчү күнү Текеске Манас жете барганы.

Калдайган колду көргөндө, Таңыркап туруп калганы.

Күлдүрдүн уулу Чалыбай,

Күлдүргүчү Ажыбай,

Кыраандын бири Кутубай, Кыпчактардын Тазбаймат,

Каратоко Мажиги,

Кайраты ашык Чалиги

Кабылан Манас баатырга Кан Айдаркан баш болуп, Баары келди акылга:

  • Аяк-башы күнчүлүкКошуун басып калыптыр. Айталаага кол батпай Адам толуп алыптыр.

Кан Текеске мынча кол

Кайдан келип толду? – деп,– Кашайгырга катылбай Кайтсак кандай болду? – деп.

Кабагына Манастын Каары келе калганы:

  • Катындын кылаар иши бул!Качып кайда кетесиң?!

Каптап чыкса мынча кол, Кандарым, шондо нетесиң?!

Жер алдында жатпасаң,

Малың менен башыңды

Көрүнбөс жерге катпасаң,

Мынча черүү ко¸бу,

Асманга чыга качпасаң! –

Ачуулана сүйлөнүп,

Айманбоз менен күүлөнүп, Бармак болуп калганы,

Бастырып жолго салганы.

Абасы Бакай кеп айтат:

– Ай, токтогун! – деп айтат. –

Кароолду мен бир чалайын, Көрүнүп коюп аларга Качкан болуп калайын. Кууп калса артыман

Тосуп уруш салаарсың,

Тос-тос кылып баарысын,

Ажыратып алаарсың! –

Аны айтып эр Бакай

Жаракты белге чалынып,

Жаратканга жалынып,

Көкчолок атты чуратып,

Артынан чаңын буратып, Колго жакын жеткени:

«Көрүп мени турса да

Неге мени качырбайт?» –

Деп ойлонуп шер Бакай Жарым бута жапжакын

Жанына барып туруптур, «Качырсам» деп кыялы Кабылан найза сунуптур.

Жайнап турган көп кошуун Жалпы найза сундурду, Мындай шумдук ким кылды?! «Атсамбы?» деп кан Бакай Колуна мылтык кармады. Жабыла мылтык сундуруп, Калмактар кесеп калганы. «Кантээр экен дагы?» деп, Абаңыз кылыч алганы.

Карап турган көп черүү

Кылыч алды, кыңк этпейт,

Кыйкырып жатса эр Бакай, Унчугуп бирөө былк этпейт. Абаң Бакай билди эми:

«Амал экен бул иш» деп, Борс-борс этип күлдү эми. «Адам эмес, кол эмес,

Өнөр экен бул,– деди. –

Турат экен жазганбай,

Күрөшсөң күрөш кылгандай,

Атып ийсең аткандай,

Акылын мунун таппасак,

Аскерди бөөдө кыргандай» –

Деп ойлонуп эр Бакай Арстан Манас баатырга Көргөнүн айтып барды эми.

Черүүнүн байкап баарысын,

Аябай төгүп дарысын,

Өздөрү оолак качышып,

Өзөн бойлоп жатышып,

Дүрбөй түшүп, от берди, Дүнүйө жүзү солк деди.

Шамал тийди күркүрөп, Сыйкырлаган береги

Камыш, чийи, куурайы, Кайың, талы, тереги Жалпы күйдү дүркүрөп.

Алтайдан келген эрендер,

Бууданды минген берендер Текес кандын калаага Чабуул коюп калышты.

Жер жаңыртып чуркурап, Чакчалакей калмактар Талаага качты дыркырап.

Текес кандын ордого

Эр Манастын кошууну

Куюлуп кирип барганы, Кутулаарга жер койбой Бекем курчап алганы.

Өжөрлөнүп Текес кан Өзүнө бычак салганы. Ошондо Манас кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат:

– Кылыч чаппай, ок атпай,

Кыйынсынып жаа тартпай Алдырып салган ким дейсиң, Албаңар жарты ийнесин! Не кылабыз калмактын

Эзелтен жыйган дүйнөсүн!? – Андан соң Манас кайрылды Калмактардын калкына:

– Текес өлдү дуудуңар, Баарыңар көрүп турдуңар. Катыны менен балдары Кашында карап турдуңар.

«Паашабыз өлдү» дедиңер, Башы жок калса денеңер, Тирилигиң болбостур.

Жакыныңдан кан танда,

Көтөрүп тууңу байлагын, Көпчүлүк каның шайлагын!

* * *

Карача деген бар экен,

Насили калмак уруудан

Кезегинде Алооке Аны да кууп айдаган,

Токсон миң үйлүү жан экен.

Буга чейин бу чалда Доотайлык мансап бар экен.

Ошону улук кылууга,

«Карысаң да болгун» деп,

Калмактар айтып калганда,

Болоор менен болбостун

Ортосунда турганда,

Болууга моюн сунганда,

Карачтын кыз баласы

Тал чыбыктай ийилген,

Эркекче кийим кийинген,

Ак, кызылы бөлүнгөн,

Айнектей көзү көрүнгөн Нурдуу кызыл бети бар,

Ууздан аппак эти бар

Атасы картаң Карачка Кыз Сайкал келип кеп айтат:

– Кантесиң, ата,– деп айтат,–

Өкүмдөн жутап калгандай,

Өлүп калган Текестин

Тонун тоноп алгандай

Жакшы болбос мунуңуз, Жайыңызга туруңуз! Бир атадан туулган

Акылдуусу, акмагы Алты уул бар эле.

Улуусу Текес кан эле,

Эң кенжеси алардын

Тейишти көтөр кандыкка Акылың болсо, ата, – деп Кеңешин берди кыз Сайкал.

– Баарың каршы болбосоң, Кан көтөрдүм Тейишти! – Деп Карач жар салганы.

– Алып кел – деп,– каныңды – Арыстан Манас, Айдаркан Экөө тең айтып калганы.

Текес кандын иниси

Тейиш аттуу баланы

Ак кийизге салганы,

Омпоңдошуп калмактар Үч айлантты калааны.

Текестен калган кызыл туу Айчыгын алтын аштады,

Калмактар тойду баштады.

 

МАНАС МЕНЕН КЫЗ САЙКАЛ

Күндүк жерден алыстан Күлүгү келет жарышкан.

Балбандары көп болду Багалектен чалышкан.

Жамбы атыш, толгон оюндун Байгелерин алышкан.

Он жетиде жашы бар,

Башында тулум чачы бар, Сарыбуурул аты бар Сайкал чыкты каркыбар.

Жоого кийчү жарагын Кийиптир баарын, карагын.

Жекесан бутта чойкоюп, Желектүү найза койкоюп, Кыз Сайкал туруп алыптыр. Эч ким чыкпай койгон соң,

Байгенин баары калмакка, Кете турган болгон соң,

Көкжалың Манас арданды:

– Туубай калсын баарыңды,

Сайыштырып катынга

Кетирдиңер арымды! – Сырттан Манас аттанды, Кыз Сайкал катуу көгөрдү:

«Алтайдан келип, биздерди

Атышпай-этпей жадаткан, Куяс менен Текести Акыретке караткан. Өлтүрүп Манас каныңы, Тынчытайын жаныңы!

Оюндан окус кылайын,

Кыргыздын журтун кырайын!»

Муну ойлонуп кыз Сайкал Сарыбуурул тулпарга Санына камчы салганы. Сарала байрак найзаны Колго имерип алганы.

Астын тосуп, Сайкалды Карап көрсө, кыз экен,

Как сулуунун өзү экен.

Ошондо Манас ой кылды:

«Өзүм алчу кыз экен,

Катуу сайсам нетээр? – деп,–

Кокус өлүп кетээр? – деп,–

Өлүп кетсе бекер» – деп, Талуу жерин мээлебей Оңдоп найза кармады.

Оңолбогон Сайкал кыз

Кагып ийип найзаны,

Кабылан Манас баатырга Найза шилтеп калганы.

Найза тийди төшүнө,

От чагылды баатырдын Ошол жерде көзүнө.

Кайра тартып калышты,

Кыйкырган бойдон кыз Сайкал

Кыраанга найза сайганы,

Оң колтугун жырылтып, Аркасынан Манастын Оркоюп чыгып калганы. Мурунтадан бу Манас,

Аял жандуу куу Манас

Сулуусуна суктанып,

Сундурган найза бош кармап,

«Жараттуу кылбай алсам» деп, Аяп жүргөн эр Манас Ачуусу келип калыптыр. Жаалданып эр Манас Төшкө найза неткени.

Дөөгүрсүгөн кыз Сайкал Тоодой болгон Сары аттын Соорусуна кеткени.

Төшүнө найза кагылып,

Көзүнөн оту чагылып,

Эсинен Сайкал жаңылып,

Буруп башын Сары аттын

Бучкакка камчы салганы, Буластаган Сайкал кыз Элине качып барганы.

Айманбоз атын аргытып,

Артынан чаңын баргытып, Куба Манас барыптыр. Ат ойнотуп эр Манас Айгайлап туруп алыптыр.

«Өлтүрсө да барбайм» деп, Көсөм сулуу Сайкал кыз Аттан түшүп алыптыр.

Аны көрүп баарысы

Калмактан Тейиш, Карача

Майданда турган Манаска Атын алып Сайкалдын Арстан эрге барышты: – Көктүк кылба, баатыр,– деп,– Көпчүлүк жаалап калышты.

Анда Манас муну айтты:

– Айтууңарга көндүм,– деп,–

Тартууңарды көрдүм,– деп,–

Сайкал минген тулпарды Кайра өзүнө бердим,– деп,– Атын берди өзүнө.

Андан кийин кыз Сайкал Арстан Манас баатырдын Көрүнбөдү көзүнө. «Сайкал кызды алсам» деп, Манастын жүрдү көөнүндө.

«Качан Манас келет» деп,

Арман менен күн санап,

Санаага Сайкал толгон дейт, Манаска жар болууга Купуя сыры болгон дейт. Атасына Сайкалдын

Жуучу түшүп, жан келсе,

Туш-туш жактан кан келсе, Жашылала суп көйнөк Кийбей койгон эмеспи. «Башымды кессе, көнбөйм» деп, Тийбей койгон эмеспи. «Эр Манас!» деп зарланып, Күйүп жүрүп өткөн дейт.

Манас, Манас болсо да,

Армандуу жарды алалбай,– Капага ичи толгон дейт.

«Кайрылбай Манас кетти» деп, Карача кандын Сайкал кыз Күдөрүн үзүп койгон дейт. Аты Кызыр думана

Кыз Сайкалдай байкушту Кабылан Манас баатырга Түшүндө нике кыйган дейт.

«Кыяматтык жарсыңар, Акыретте баш кош» – деп,

Көксөөсүн экөөн тыйган дейт.

 

МАНАС ОРГО КАНДЫ,  ЧҮЙДӨГҮ АКУНБЕШИМДИ, ТАШКЕНДЕГИ ПАНУС КАНДЫ ЖЕҢГЕНИ

Эр Манастын кошууну,

Кер-Көлдү көздөй бет алып,

Добул согуп күңгүрөп,

Керней тартып бапылдап,

Сурнайдын үнү такылдап,

Жарактын баары жаркылдап,

Бөлүнүп барат колдору, Үч канат болуп жолдору. Бара жатыр эр Көкчө Жүз элүү миң кол менен.

Кол астында Манастын,

Башка уруудан маңгул бар,

Баатыр Жайсаң даңгыл бар,

Күлдүр, Калдыр беги бар,

Манжуулардан кошулган Бала Мажик эри бар, Баштатан Дөгөн кары бар.

Таятасы Манастын Булгар каны Эштектин Жамгырчысы дагы бар. Каракалпак Бердике, Каңгайлардан Келдике.

Нойгуттардан Чубак бар, Аргын Каракожо бар, Найман, дуулат кошо бар. Андан бөлөк бу жактан

Алтайлыктын баары бар, Биринен бири калышпас Жалтанбаган баатырлар… Манастын колун көргөндө Кер-Көлдөгү Орго кан,

Орго кандын Көк-Дөбө, Ошо жерге туу тиккен Калмакта кыйын бу төрө. Дөңүнө Орго барыптыр, Добулду катуу кагыптыр: – Акыл качып башымдан Алсырап азыр турамын.

Кылым кыргыз эл деген, Түпкү атасы булардын Түркистанды жердеген. Азып-тозуп ар жакка Тентип кетип келбеген.

Алтай тоосун жердеген Аты Манас бирөө дейт, Адам уулу жеңбеген.

Орго кан муну айтканда Дүңгүрөтө кагылды Урушка сокчу барабан.

Замбирек үнү күркүрөп,

Заматта согуш башталды

Калкандар сынды быркырап,

Кан төгүлдү шыркырап,

Кыргынды кыргыз салганда,

Баатыры Орго турбады, Кайкалаган качырга Капталга камчы урганы.

Айманбоз санга бир салып,

Сырнайзаны колго алып, Бек беттешип Оргого Берениң Манас жетти эми. Жүрөгүнүн толтосун Жара сайып өттү эми.

Туу жыгылды, кан өлдү,

Аралда калган аскери

Каны жок, кайрат кыла албай Жапырт качты чыдабай.

Акунбешим аяры Көргөндө муну ыйлады: – Агып, ташып, каптаган Сел көрө элек экенбиз! Ар тараптан арбыган

Эл көрө элек экенбиз! – Ажалдан башын тартпаган Эр көрө элек экенбиз!

Ошондо Манас жаш баатыр

Элкин күнгөй жол менен,

Миңдеген аскер кол менен,

Айгайлаган чуу менен

Ак асаба туу алып,

Көк жаңырган чуу менен

Көк асаба туу алып,

Айгайлаган көй баатыр Чүйдү көздөй келатыр.

Калмактын Шамың шаа төрө

Кароолго чыгып барыптыр

Кызыл-Омпол дөбөгө,

Келе жаткан аскердин Түрүн көрүп алыптыр Дүрбү салып көзүнө:

«Айбаты катуу, заары күч,

Арбын экен колу!» – деп,

Жүрөгү түшүп калыптыр, Качып жолго салыптыр.

Бет алган жагы Байдамтал

Эки күн, эки түн жүрүп,

Айнакул, Бакай баарысы,

Ошпур баштап карысы

Кооптонгон тоосунан Аман-эсен чыгышты Капчыгайдын оозунан. Акунбешим паашанын Көрүндү жаткан калаасы.

Кашатка туусун сайыптыр Тагылык аттуу баатыры

Көп аскер менен жол тосуп, Чымырканып калыптыр. Кырдан туруп кан Манас Байракты төмөн жапырды.

Жебенин огу кыркырап,

Мылтыктын огу зыркырап, Эр Манастын аскери Беттешти калың жоо менен.

Мылтыктын үнү басылбай,

Төбөдөн түтүн ачылбай, Ойдо, дөңдө турушту, Ок жаадырып урушту.

Каарданып эр Манас

Мукабилдүү сырнайза

Булгап колго алганы,

Тулпарга камчы салганы, Көк түпөктүү көк найза Көтөрүп алып колуна.

Көсөмсүнгөн куу калмак

Кыраан Манас көкжалдын Ошондо келди оңуна. Оңу болбой неткени, Айманбоз октой жеткени.

Манастын сайган найзасы Сыртынан чыгып кеткени.

Туу түбүндө калмактар Жамгырдай кылып жаа тартты, Мөндүрдөй кылып ок атты. Ошондо Манас кабылан

Элүү миң аскер кол менен «Мөндүлөтүп» калмакты

Көк адыр ылдый чубатты, Көтөргөн туусун кулатты.               * * *

Кабылан Манас баатырдын Туш-тушка кеткен колу бар.

Айдаркан уулу эр Көкчө,

Айбаты журттан бөлөкчө, Айланып келди Манаска.

Кыпчактардын Үрбү кан Бул кошулду Манаска.

Жортуулга чыкса, ак жолтой,

Жоого тийсе, сан колдой Абакеси кан Бакай Ал кошулду Манаска.

Төрөсү баштап, төрт баатыр Дөгүрсүгөн кытайдын Төгүп канын баратыр.

Ымалайдын Кайып кан,

Карабөрк кызын тартуулап,

Манаска болгон кайната,

Күлдүрдүн уулу Чалыбай,

Күлдүргүчү Ажыбай,

Каратоко Мажиги,

Камбардын уулу Чалиги, Акбалтанын Чубагы, Айнакул баатыр бу дагы.

Улак кандын Бердибек, Сыны-сыргак, өзү шер, Атагы калган Сыргак деп.

Алтайдан келген кыраандар Кырдагы кытай аскерин Ойду көздөй сүрүптүр.

Ээн калган шаарына Эр Манас баштап кириптир.

Акунбешим падыша

Барды майдан четине.

Кайраттанып бакырып,

Кыйратчудай акырып,

Турду туунун бетине.

Кытай, кыргыз эки аскер, Бузулгандай жер жүзү, Бирин-бири каптады.

Жыгылганын тургузбай

Тебелеп-тепсеп таптады.

Жүз миңден аскер отуз төрт, Жүргөн жер болду кызыл өрт. Толгон экен кыргынга Сары-Өзөн Чүйдүн талаасы. Кызыл канга жуулду Кыргыз, кытай арасы. Азууларын аркайтып, Ат өлүптүр сулайып. Муруттарын чычайтып, Эр өлүптүр булайып.

Качып берди курган шаа Манастын түшүп астына.

Сүрү катуу эр Манас

Айманбоз менен жетиптир, Аркага найза нетиптир. Ак жал кара атынан Акун шаа кулап кетиптир. Арт жагынан акырып,

Айнакул жетти бакырып, Акун шаанын ал жерде Кылычтап башын кесиптир. Кыргын түшкөн талаада

«Кыргын чалым болгун» деп, Эр Манас айтып өтүптүр.

Ошондон кийин бул киши Айнакул аты өчүптүр, Кыргылчал атка көчүптүр.

Кыргыздын кыраан Манасы

Талаа толгон кытайга

Чакчалакей салганда,

Кытай, калмак чыркырап Качып калды зыркырап.

Калганы калды тутулуп, Башкасы качты кутулуп.

* * *

Меркиш, Мерке, Шамың шаа,

Дабагасы кошо да – Улук сөрөй төрт каңгай: – Чантуудан бирди койбо! – деп, Акылдашып алышты.

Казак менен кыргызды,

Кары-жашын калтырбай, Ойлоду тегиз кырышты. Кетелик аттуу бир калмак Кеңешти угуп калыптыр:

– Качып кетип кутул – деп, Кудуңбай кыргыз досуна Келип кабар салыптыр. Кудуңбай өзү бай экен, Элүү киши чаптырды.

Түрк уулунан түк койбой, Алаш урук болгондун Баарына кабар айттырды.

Катын, бала, кары, жаш,

Кыргыз, казак аралаш

Үркүп качты бүлүнүп,

Уругу башка кытайдын Душмандыгы билинип.

Улук сөрөй төрт баатыр

Алты жүз миң аскерин

Асыр кылып алыптыр,

Кыргызды кырып кирмекке Даярданып калыптыр.

Ташкендеги Панус кан Тебелеп-тепсеп кыйла жыл

Кыргыздын жерин караткан.

Маңгул, тыргоот, калмактан Төрт жүз миң аскер кол курап: – Алтайдан келген чантууга

Акыр заман салам! – деп,–

Акунбешим паашанын

Кунун кууп алам! – деп,

Кытай, дөөтай, калдайы, Чыйраксынган далайы

Кылкылдаган туу менен,

Кайгайлаган чуу менен

Кырмак болуп жөнөштү Чүй тарапта кыргызды.

* * *

 

Чыйырчыктын тоосунда

Алаштын арбын эли бар, Баймырза деген беги бар. Чалабай деген балбанды, Чакыртып аны алганы. Чапкылашып баарысы Көкөтөйгө барышты.

Жанадилдин баласы,

Жалпы кыргыз зардалы, Көп жашаган жан экен, Көк ала сакал чал экен. Көкөтөйдүн күткөнү Көп дүнүйө, мал экен.

Караса да кытайга,

Кытайдан кийген чен алып,

«Көкө дөө» деп аталып,

Түмөнгө малы толгон дейт, Түркүстандын журтуна Байлыгы маалым болгон дейт. Кыргыз, казак ал чалга Акылдашып барганда:

  • Ташкенде Панус каны – деп,–Арбып-дарбып кытайлар

Аскер жыйып алды – деп. –

Аскеринин баарысы

Өзөндүү жолго салышты,

Кыргыздан жалгыз жан кошпой Жортуулга жөнөп калышты. Кытай, калмак дүрбөөнүн Билдиңизби жай-жөнүн?

Көкөтөй анда кеп айтат:

  • Көбүңөр уккун – деп айтат.–

Аз күндөн бери угамын,

«Отуз уул кыргыздын

Оюгунан чыкты деп,

Он бир шаар даңгытты

Ойрон кылып жыкты деп, Алтайдагы кыргыздан Аты Манас мыкты» деп.

Чүй боорунда кыргызды Кытайлар азыр жыйды дейт.

Манастан көргөн кордуктун

Өчүн андан алууга,

Кыргыз, казак тукумун Туташ кырып салууга Кеңешин кытай кылды дейт.

Оболдон курган коргонуң

Он эки капка Ташкенди

Кыйла заман жыл болгон Кытайдын бизден алганы, Кыргызга кордук салганы. Букара болдук каңгайга, Буйругун туттук ар заман. Башка түшүп калбасын Башкача кыйын тар заман. Кыйла күндөн бер жакка Кытайдын пейли бузулду.

Кан ордосу жагына

Кыргыздын башын кылайтпайт, Кокус барып калгандар Кордук көрбөй соо кайтпайт. Панус деген канына Башта жакын болгондор Бара албай калдык жанына.

Сактыкта кордук жок деген,

Өзөндүү Ташкен шаарыңа

Өрт күйдүрүп салбасын,

Манастан көргөн кордуктун Өчүн бизден албасын.

Тоодогу элдин баарысы Сак болуп, жолду карасын. Башкы атабыз Каракан, Эр Турандан тараган. Он биринчи атабыз Арбагы бийик Алаш кан.

Кабарлашкын жер-жерге, Уругу алаш элдерге,– Айтты ушинтип карысы. – Карынын сөзү акыл – деп, Макул көрдү баарысы.

Билеги жоон балбанын,

Билими артык зардалын,

Маңдайы жайык баатырын,

Малай, жакыр, бакырын,

Тилге жүйрүк чеченин, Тик качыраар неченин,

Айла табаар аярын,

Атышкан жоого даярын

Астыртадан сүйлөшүп, Балбандары жөнөлдү Барскан, күрсү сүйрөтүп.

Баатырлары жөнөлдү Найзаларын өңөрүп. Кыргыз, казак – алаш эл

Аскери кумдай көбөйүп.

Камбылдар кылыч байланып, Каруу-жарак шайланып,

Мергендер мылтык алышты, Панустан кеткен аскердин Артынан жөнөп калышты.

* * *

Аны таштап салыңар,

Арстан Манас каныңар, Андан кабар алыңар.

Бууданды минип кенебей,

Булут көчкөн немедей

Найзанын учу чабышып,

Аскердин башы кагышып,

Саадакчы саадак асынып,

Сап-сап болуп бастырып,

Чыңыроо тартып, най менен Бара жатыр баатырлар Казак, кыргыз калкы бар.

Манжурия, маңгуттан

Кыргызга өткөн канчалар, Өңкөй баатыр каркыбар.

Түн болсо жылдыз санашып,

Күндүз жолду карашып,

Желек туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй

Толкуган дайра аскери

Тууну тууга урунтуп,

Суулуу жердин топосун

Баткак кылып жуурултуп,

Байкап көргөн душмандын

Заманасын куурултуп,

Каран салып калмакка,

Суң кытайдын колунан

Ташкенди кайрып алмакка

Бара жатыр батышка Башчы – Манас жолборсу, Өңчөй шерлер – жолдошу.

Ташкендин Панус каны бар,

Урушмакка чыкканы,

Төрт жүз миң аскер саны бар, Бара жатты жабылып, Чүй кыргызын кырганы.

Басылбаган улуу чуу,

Панус кандын кызыл туу Көтөрүлдү калкылдап.

Арасынан аскердин

Төрт жүз керней бапылдап,

Кыргызды көздөй ок атты,

Ок тийген жерлер казылды, Обо көчкөн немедей Күн күркүрөп басылды. Мылтыктардын түтүнү Туман түшүп ачылды. Ал жердеги кыргыздар Ар тарапка чачылды.

Панус кандын аскери

Ат коюшуп качырды.

Кабылан Манас баатырың

Кылычты кындан алганда,

Кыйкырып жөнөп калганда,

Ат коюшту канча жан,

Аксакалы Айдаркан,

Баштап кирди Бакай кан, Кыргыз, казак баарысы Шыпкала чапты турбастан.

Суудай агып кызыл кан, Ал күнү болгон уруштан Жердин жүзү бузулган.

Кыргыздын колу кытайдын

Оюн тоого жапырды,

Аскерин кырып качырды,

Тозоңун көккө сапырды,

Үч күн, үч түн тынчыбай

Уруш менен жүрүштү, Кытайдын колун кыйратып, Үч күндүк жерге сүрүштү.

Кыргыз, кытай эки журт – Көптүгүн көрсөң кара курт.

Канчанын каны төгүлдү, Төртүнчү күнү болгондо Эки кол эки бөлүндү. Көкөтөйдүн көп колу Камады арттан кечилди. Ташкенди көздөй кача албай Кытайдын жолу бекилди. Көздөн учту кытайдын Ташкен деген калаасы. Сары калдай калмагы, Сапырылып баарысы,

Боздоп үрктү далайы.

Арстан Манас башында

Аккан дайра сел болуп,

Каптап барат кытайды, Кара шамал жел болуп.

Өлгөндөн калган кытайы, Маңгул, калмак аралаш,

Качып кетип баратыр.

Дүнүйөгө карабай Чачып кетип баратыр. Кечээ качкан орунун

Бүгүн барып кыргыздар Басып кетип баратыр.

Кыргыз, казак биригип, Кыргын салып кытайга, Каран салып калмакка,

Балаа кылды маңгулга.

Көпкөк желек туу менен,

Кыйкырык, ызы-чуу менен, «Кыргыздаган!» дуу менен Кыраан Манас жөнөдү.

Кара байрак туу менен, «Казактаган!» чуу менен Көкчө баатыр жөнөдү. Ак асаба туу менен,

Айгайлаган чуу менен Кыпчак Үрбү жөнөдү.

Баатыр Бакай, Баймырза

Башчы болуп колуна,

Баштап алып жөнөдү

Кең Ташкендин жолуна,

Калаага кирди капташып, Он эки капка Ташкенге. Олут эмес эзелтен

Түрк уулунан башка элге

Түбүн түптөп таш менен

Түрк баласы салдырган,

Үстүн кумдан куйдурган, Таштан түбүн кылгандан Ташкен атка калтырган.

Кастык кылып калмактар,

Какандагы кытайга Эки жүз жыл алдырган.

Суң кытайдын Панус кан Дале такта отурган.

Ал бейкапар турганда,

Айгай салып көп алаш

Калаага кирген чагында,

Кернейдин үнү бапылдап,

Сурнайдын үнү такылдап,

«Манастап!» ураан чакырып,

Көчөнүн ичин көчүрүп, Көккө чаңын сапырып,

Аскер кирип алыптыр. Такта отурган Панус кан

Талып түшүп калыптыр.

Ташкендин ичи дуу болуп,

Дабыр-дүбүр чуу толуп,

Таң атырды көпчүлүк, Дабырты бийик көп түрүк.

Эр Манастын кошууну

Нечен күн өрүүн болду дейт,

Чыйырчык, Ташкен жерине,

Андагы кыргыз элине

Көкөтөй баатыр карыны Кан көтөрүп койду дейт. Көкөтөйдүн көк туусу Көтөрүлдү калкылдап.

Манастын колу жол тартты

Алтайды көздөй шартылдап, «Ала-Тоого көчсөк» – деп,

Жеңиштүү эрлер жаркылдап.

 

КЫРГЫЗДАР АЛТАЙДАН  АЛА-ТООГО КЕЛГЕНИ

Акбалта, Жакып, Бакайдын

Эңсегени Ала-Тоо,

Байкуш кыргыз куулган жер,

Чыңырып эне тууган жер,

Эренче тонун кийишип,

Желбеген жорго минишип,

Тынбай көчүп өтүшүп,

Кичи-Жылдыз, Чоң-Жылдыз

Агын суусун кечишип, Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу Катар ашып келди эми. Иленин башы Үч-Арал Өрүүн боло берди эми.

Үч-Жыргалаң, Коңуздуу Бойлой көчүп жүрдү эми.

Каркылдаган карга  жок,

Куркулдаган кузгун жок,

Аккан суунун боюна, Чоң өзөндүн оюна Чогула журт конду дейт. Ат баспаган жер экен, Алмасы чирип, көң экен.

Жаңгагы кулап, сай толгон

Элсиз ээн талаасы

Берекелүү жай болгон,

Килемдей чөбүн тебелеп,

Шиберге оонап жатышты, Эркинче кумар жазышты.

Манасты тосуп алдынан Ак сакалы жаркылдап, Кан Кошой чыкты баркылдап:

– Аржагы Талас, Атбашы Алоокенин колунда,

Капчыгай оозун алалы,

Өзөнгө малды салалы,

Катарлаш конуш алалык,

Кароолду катуу салалык,

Азган-тозгон аз элге, Караан болуп калалык!

Эки тизгин, бир чылбыр, Ээ, кулунум эр Манас, Эми колго алгының!

Эңкейип калган абаңды Эңишээр жерге салгының! Бекине турган жерди тап, Бели бекем эрди тап.

Катуу бороон, катуу күн, Канчалык өтөөр башыңан. Кыр-кырда кыргыз элиңе Кызыккан жандар дагы бар. Кылчайбай канды агызаар Кызталактын баары бар.

Кадимки Талас, Кең-Кол бар,

Калкка жеткен кабары,

Жердей көр ошол жериңди, Күтө көр кыргыз элиңди!

Таласты күтүп, чеп кылгын, Төрт тарабын бек кылгын! Беттеп душман келбеген,

Бейкабар адам желбеген,

Өндүрүн адам чалбаган,

Өрдөп эч ким барбаган

Таласты конуш кыла көр,

Азган-тозгон аз элди

Айланаңа жыя көр,

Өзүңө өрнөк Таласка Бара жүргөн ушул жол,

Береним Манас, аман бол!

Акбалта сөздү баштады:

– Балам Манас, береним, Менин да ушул дегеним.

Алтайга барып, жер кылдык, Кара калмак, манжууну

Канча жылы эл кылдык!

Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык.

Ат жалын тартып мингенден Адалга бурдуң пейлиңди.

Кара кытай, манжуунун

Сандаган колун кыйратып, Ажыраттың элиңди.

Үзүлгөндү уладың, Чачылганды жыйнадың.

Көп эстейм нойгут элимди, Тукумуң өнүп, өскөн жер Көп термелтет көңүлдү.

Нойгутума барайын,

Кейиген журтту эптейин,

Чегишээр жоонун жолунда Чебиңди сенин бектейин.

Акбалта, Жакып бул жерде

Айкалышып көрүшүп,

Болкулдашып ыйлашып,

Моюн эттен өбүшүп, Акбалта кетти элине.

Адам өлөөр шерт кылып, Убаданы бек кылып, Кан Кошой кетти жерине.

* * *

Келишимдүү кең Талас

Турган экен жайкалып, Жакшынакай төрлөрү Жаткан экен чалкайып.

Өрөөндөрүн карасаң,

Токою бар, талы бар,

Ал токойдун ичинде Жан-жаныбар баары бар.

Чырпыгы бар чынардай, Чынарлары мунардай.

Чымчыгына карасаң, Алтайдагы улардай.

Туш-тушуна карасаң,

Айланган тоо чеп экен,

Кулак угуп, көз көргөн Канча жерден бек экен. Көкжал Кошой абаңдын Бая айтканы эп экен.

Тыяк жагын карасаң,

Кан-Жайлоонун кайкысы,

Ушул жерден айрылган

Кайран кыргыз журтуңдун Тагдырынын тайкысы! Быяк жагын карасаң,

Үч-Кошойдун бөксөсү. Муну жайлап тургандын Болоор бекен өктөсү!

Туура жагын карасаң,

Карабуура, Чаткалы, Көз жетпеген аскалар Көктү тиреп жатканы.

Тоолору жайык кең Талас Жер соорусу турбайбы, Жердеген адам тунбайбы!

Манаска Талас жер болуп,

Жергелей келип эл конуп,

Төрткүлдүн төмөн жагына,

Туу тикти кыргыз жаңыдан Туйгуну Манас тагына.

АЛООКЕ КАНДЫН ТҮРКСТАНДАН КАЧКАНЫ

Айбаты катуу Алооке

Маргалаңда так минип, Тунуп турган кезеги.

Каяшаяк бергенди Койдой союп Алооке Кырып турган кезеги. Өз билгенин Алооке

Кылып турган кезеги, Алтышаар, Маргалаң,

Коконго кордук салыптыр,

Алты миң жамбы, миң кундуз Ай сайын салык алыптыр.

Ургаачыдан узду алды,

Зордук кылып талкалап,

Оймок ооз, бото көз

Ойкуштаган кызды алды, Алоокенин заарынан Бүт журт тентип сандалды.

* * *

Баатырлардын баарысы

Бири калбай жыйылды, Атпай кыргыз элине, Сөз айтып Манас кайрылды: – Оболтон, элим, билесиң Алоокенин кордугун. Көтөрбөйбүз эми биз Кыргызга кылган зордугун!

Ыйык кыргыз жериңди

Тебелетип душманга

Кор кылып карап жаткыча,

Күүлөнгөн күчүн көрөлү,

Күнүбүз бүтсө өлөлү! Кара кытай, калмакка Калайманды салалык! Ар-намысты алалык.

Анжыян жери Түркүстан

Атадан калган жер экен, Көрбөгөндү көрүпсүң, Тирүүлөй көбүң өлүпсүң!

Башыңды ийип каңгайга

Кулчулукка көнүпсүң! – Акбалта уулу эр Чубак Чогулган элге кеп айтты:

– Ой, калайык! – деп айтты – Эсирген экен Алооке Ээсин жерден көчкүн деп!

«Кай жактан келсең сен өзүң, Кайрылбастан кеткин!» деп, Кашына барсак канетет?

Чубак мындай деген соң,

Көпчүлүк камын жеген соң, Макул көрдү баарысы, Жашы менен карысы.

Ошондо Манас баатыры

Асемин элдин арттырды, Алтын ооз кернейди Арылдата тарттырды.

Кан Манастын кырк чоро

Жалаң тулпар минишип,

Арстан Бакай абакең

Алтын туусун көтөрүп,

Айкөл Манас алдыда Алоокени карата Аттанып чыкты майданга.

Аяр экен Алооке

Алыстан көзүн салыптыр, Айбатын көрүп кыргыздын

Апкаарып коркуп калыптыр.

Манастын сүрүн караса,

Ажыдаары, жылааны

Артынан сойлоп алгандай. Көсөө куйрук көкбөрү – Көкжал эрдин жөкөрү Капталдан ээрчип алгандай. Алпкаракуш арбайып, Асмандан бутун салгандай.

Кара башыл ак буура Калжаң уруп качырып, Каршы алдынан көрүнөт. Кара чаар жолборсу – Караса, жүрөк сөгүлөт. Муну көргөн Алооке

Өз жанынан түңүлөт.

– Кадимки Манас келатат.

Ал келсе бизди оң кылбайт, Кызыталак бурутту Чабышып адам жеңе албайт.

Ошол Манас канкору

Капканын оозун ачпасын, Төбөбүздөн баспасын, Төрт түлүктү чачпасын!

Калтырбай бизди кырбасын! Манастын кыраар жери бар, Түгөнбөс бизде кеги бар. Маргалаң бизге жер эмес, Манас бизге эл эмес.

Мында туруп нетели!, Тезирээк, качып, кетели! Катылбайлы кол салып, Кара жанга шор салып! Баштабайлы согушту,

Балакетке жол салып!.. – Деп ошентип Алооке Добулбас бекем кактырды.

Капкачысы, сакчысы, Кароолчусу, сынчысы Калбай баары жыйылды.

Дүрбөп-дарбап шашышып,

Кыйынсынган эрлери Пилге дүйнө артышып, Качмай болду тырпырап. Качыр менен төөлөргө

Алтын жүктөп антаңдап,

Желдеттери, калдайы Кан Алооке карыга Тулпар токуп, ат тандап.

Улугу болгон Алооке Беренжини салынып, Бээжинге качты камынып.

Кызыталак Алооке

Анжыян таштап артына

Күндөп-түндөп качканда,

«Кыргыз кырып салат!» деп,

Далай бел ашып өткөндө,

Алооке кандын артынан

Сары изине чөп салып,

Арстан көкжал Манас кан Саргара кууп жетти дейт.

Чатырдагы тагынан

Түшө калып Алооке Тизелери бүгүлдү, Бели жерге ийилди: – Душманыңмын мен – деди,– Душман да болсом, жан соога! Амандык бергин сен,– деди. – Катылбадым, карадым, Тынч болууну самадым. Орчун Кокон, Анжыян

Түпкү атаңдын жери эле, Ээлеп алып бербедим.

Ырайым кылсаң, турайын,

Жоолашпай моюн сунайын.

Жол берсең, кетип тынайын. Алтайдан берки жерди алдың, Албан түрлүү элди алдың.

Корктум салган колуңдан, Уруксат бергин, өтөйүн Өзүңдүн баскан жолуңдан.

Атканы жазбас мергеним

Башкы балам Боокени

Өзүңө тартуу берейин,

Убада сөздө турбасам,

Азыр мына башыма Акыр заман салгының! – Ошондо Манас кеп айтат: – Жалбарып жаның сурадың, Жайыңды көрүп турамын.

Келтирсем эгер жинимди, Кең Анжыян боорунан Кетирбес элем бириңди.

Көмкөрүп салып ордуңан. Көчүп алып, тез жогол, Ошону менен аман бол! Бул сөздү угуп Алооке Калкынын көөнүн басыптыр.

«Тирүүлөй өлүк болбойм» деп, Боокесин таштап Манаска, Түн киргенде качыптыр.

* * *

Кытайлар барат кылкылдап,

Араба менен былкылдап,

Кербен сымал чубашып,

Эки ай жарым жол жүрүп, Баратышты бел ашып.

Алдыдан чыкты Коңурбай, Алооке кандын баласы – Бээжинден беш жыл кетиптир.

Окуусун окуп кытайдын

Он сегиз жашка жетиптир.

Кытайга кайтып келаткан, Атасын Коңур көргөндө, Жини аябай келиптир.

«Кенже балам келди!» – деп, Өбөйүн десе атасы,

«Өппөй өлүп калгын!» – деп, Кагып салып баласы, Айткан кебин карагын:

– Анжыян болчу турагың, Ушул кылган ишиңе Айраң болуп турамын!

Манжурия, тыргооттун Баарын кайда жоготтуң?!

Кара калмак калкыны, Ферганадан качырып,

Кетирипсиң тарпыны!

Кыргызга кыргын салбапсың,

Бээжинде кытай уругуң, Ферганада, атаке, Кимден коркуп курудуң?!

Кызылдай дүйнө чачаарбы,

Кыргыздан кытай качаарбы! – Коңурбай наалып бүткөндө, Алоокенин айтканы:

– Жээрибе, балам, атаңды.

«Элимдин жерин бергин» деп,

Алтайдан келип камады, Заары катуу Манасы Кетирип салды чамамды.

Бээжин да мындан соо калбас! Каканда мындан доо калбас! Бедөөнүн жалын өрүп ал,

Бейжай сөздү мага айтпай, Беттешем десең Манаска, Бээжинге келсе тосуп ал!

Алыңа карап ойногун, Акылың менен ойлогун! Айбатына, сүрүнө Акас болду жетпедим.

Курусун болду  дүнүйө, Кутулаар жагын беттедим.

Качуу керек, арга жок, Бекерге айтпа сөзүңдү, Бээжинге жеткир өзүмдү!

Кытайга Манас барганда Көрөмүн шондо өзүңдү! Атасы муну айтканда

Коң төрө тили байланды,

Кың дебеди Коңурбай Отуруп калды жер карап,

Тарыпка конгон жорудай.

 

ШООРУК КАНДЫН МАНАСТАН ЖЕҢИЛГЕНИ

Алайдын түштүк жагында,

Ары чети Тагарма,

Башы Даң-Дуң тоосунда

Маймундуктун Шоорук кан Өзүнчө минтип оолуккан:

– Каптап кыргыз толуптур. Ысарга жетип бир чети, Бизге да келмей болуптур.

Кыйындыгын көрөйүн, Кыргыздан жылкы бөлөйүн! Кыйыктык кылган кыргызды Кылычка салып кырайын! Айдап тоодон ашырып,

Алайдан ары сүрөйүн! –

Катуу келип жаалына

Каарданып Шоорук кан Кабар берди баарына.

Акылай улуу кызы экен,

Ургаачынын узу экен,

Он алтыда жашы бар,

Оролгон кундуз чачы бар, Асемдеген топчудай Келишкен кара кашы бар. Колу күмүш зымындай, Бели канжар кынындай. Бой-келбети сулуунун Кынап койгон чыныдай.

Карагаттай көзү бар, Канттан ширин сөзү бар. Кыздын кеткен үшү бар, Түндө көргөн түшү бар:

– Ата, сизге кеп айтам,

Алысты самап жортуулга Аттанбаңыз деп айтам!

Жетиген жактан сел келди, Сел менен көчүп жер келди. Сел баткакка калыпмын, Сенделип качып алыпмын.

Агып сууга өлөөрдө,

Алтын барик чынарга Тырмышып чыгып барыпмын.

Ачасында олтурсам, Атаке, келдиң кашыма.

Суу каптады, сел болду,

Кыян менен кыжылдап, Агып жүргөн эл болду. Жоручуңуз бар беле, Атаке, бул түш не болду?

Алтайдан келген кыргызга

Асылып алып, атаке,

Жүрбөңүз тактан айрылып! – Түшүн жоруп кызынын Кан Шоорук айтты тымызын: – Кыян, сел каптап келгени, Кыргыз деген эл келди. Чаап алып кыргызды Тагына минген өзүмдүр, Так ушу, кызым, түшүңдүр!

Ушундай жоруп Шоорук кан,

Добулбасты кактырды,

Тууга байрак тактырды,

Алайда жаткан кыргызга Кошууну келип кол салды, Нойгуттун жерин бүт чалды.

Жети миңдей жылкыны Желеден Шоорук айдады. Тополоңго түшүрүп, Калаба кылды калчасы. Кырга чыгып кутулду

Кыргыздардын канчасы.

* * *

Атпай кыргыз күңгүрөп,

Алдын карай дүңгүрөп,

Манас баштап баарысы,

Акбалта, Жакып карысы,

Алтымыш миң  кошууну

Алайды көздөй жол артты.

Аш бышымга жеткирбей

Шооруктун колун кыйратты.

Ойрон кылып таштады.

Ошондо Шоорук акырды: – Качыр! Качпа! Койбо! – деп, Кайраттанып бакырды.

Айдап кирди майданга

Сексен төрт миң каапырды, Уруш болду Алайда, Ажал жетти далайга.

Айбалта, кылыч алышып,

Качырышып көп кошуун

Аралашып салышып,

Төө мингени төбөлөп, Жөө жүргөнүн тебелеп.

Айманбоз менен чуратып,

«Ажалаган» канчасын

Ачалбарс менен сулатып,

Артынан чаңын буратып,

Кырк чоронун баарысы,

Кыргыл, Бакай карысы

Күн обого толгондо, Жер жайнаган душманды

Жексен кылып салышты.

Өлдү көбү теңделип,

Жаны тирүү калганы Жарадар болуп сенделип.

– Түбүң түшкөн кыргыздан,

Бири миңден коркпогон, Өзүнө барып жыгылып, «Өлтүрбө» деп сыйынып, Кыл деген ишин кылайын.

Кабылан Манас баатырга

Багынып берип тынайын! – Көсөмсүнгөн кан Шоорук Келди ушинтип эсине.

Калчанын отуз кызына

Кымбат баа кийим кийгизип,

Кылтылдак жорго мингизип, Жасантып кыздын баарысын Сактады Шоорук намысын:

– Акылай балам! – деп айтып,–

Тилиңди, балам, албадым, Нукталып алган эл экен, Урушка туулган эме экен.

Түптөлүп калган кыргыздар Түк качпаган өлүмдөн Дүмөккө туулган эл экен.

Алсаң, балам, кебимди,

Кыздар менен өзүңдү

Тартуу кылып барайын,

Кыргыздын каны Манаска

Багындык деп барбасак

Жан аргасын кылбасак,

Аман калбас элибиз! – Түйшүгү түшүп башына, Деп айтты Шоорук кызына.

– Мейли, – деди Акылай,

Тартуу кылсаң канына

Болоормун мүмкүн мен маана Далайлардын жанына!

Кызы мындай деген соң

Шооруктун жаны жай алып,

Кымбат баалуу буюму

Кызыл кымкап, зер алып,

Кырк бир кызыл нар менен,

Кыйла сонун шаң менен,

Отуз бир сулуу кыз менен,

Нан көтөрүп, туз менен Астына барды Манастын.

Алтымыш нөкөр кашында,

Кан таажысы башында, Бото куру мойнунда, Эки колу боорунда:

– Болдум душман сизге,– деп,–

Каар салдың бизге,– деп,–

Арстан Манас, баламсың,

Кечиримдүү адамсың Кечирим сурап жалындым!

Эл-журтум үчүн кысылдым. Алжыганда жаңылдым.

Ажалым жоктон өлбөдүм,

Акылай кызым баш кылып,

Тартуу алып жөнөдүм! – Деп айтып Шоорук буркурап, Мойнуна алды күнөөсүн.

Арстан Манас баатырдын

Адам билбес мүнөзүн,

Кылая багып күлбөгөн,

Күлгөндүн сырын билбеген, Күңгүрөнө сүйлөгөн, Күлпөңү арткан дүйнөдөн.

Каалгадай кашка тиш, Калайыктан башка тиш Кашкайып чыгып алыптыр.

Абакеси Бакайга Күлүмсүрөп барыптыр:

  • Абаке, бу сөз кандай? – деп,–

Арсаңдап күлүп калыптыр. – Астыңа келди каныңыз, Ачууңдан, аба, жаныңыз.

Өзүңүзгө сый уруп,

Өтүнүп келген жан экен,

Мүдөөсүн макул табыңыз,– Деп айкөлүң айтканы.

Муну укканда көпчүлүк:

  • Оң сөз! – дешип калганы.Оболунда Шоорукту Бакай баштап барганы.

Шоорук барып кыздарга, Бажаңдап туруп айтканы:

  • Ой, кыздарым, көзүңдү ач,

Мамындагы кары-жаш,

Самап турат силерди, Каракыргыз эл болот.

Кимиң кимди тандасаң, Ошол сага эр болот!

Сакал-мурут тарашып,

Кыздарды жардап карашып,

Кыйшайта кийип бөрктөрүн,

Кыз үчүн оңдоп көрктөрүн

«Каалаган бардыр мени» деп,

Эр азаматтар жан турду Тамаша буруп сөздөрүн.

Кыздын баары кысылды, Тер боюнан сызылды.

Шооруктун кызы Акылай,

Шоодураган капырай,

Кыздардан чыгып бөлүнүп,

Кыргоолдой мойну көрүнүп,

Сунала басып суйкайып,

Суу чыбыктай буралып,

Башынан көрүп жүргөнсүп,

Баатырдын барды жанына,

Айкөл шерди Акылай Тандап алды багына.

Отуз кыздын калганы Отуз жигит тандады.

Кыргыздын отуз жигити

Калчанын сулуу кыздарын

Култуюп барып жандады

Отуз бир той бир күндө

Калча, кыргыз баштады…

 

МАНАС АТАСЫНА ТААРЫНЫП, АШТЫК АЙДАГАНЫ

Кызыр чалган зор Манас Маана cултан кан болуп,

Кең Таласка келгенде,

Ок өтпөгөн тон кийген,

Ок жетпеген ат минген

О¸н келди Манаска,

Миңди көрсө шашпаган, Миңден жүдөп качпаган

Жолборс келди Манаска.

Багалектен алышкан,

Жан аяшпай чабышкан,

Бука моюн, буура сан Балбан келди Манаска.

Баатырларга эр Манас

Тон мыктысын кийгизди,

Аты арыбас тулпарды

Чоросуна мингизди

Кабыландын чоросу Таң-тамаша оюнга Батып калган кезинде.

Кырктап таман ордону

Атып жаткан кезинде

Нээти сараң Жакып хан

Ойноп жаткан Манаска Келип калды күүлөнүп,

Күпүлдөп катуу сүйлөнүп:

– Уулум, Манас, өлсөңчү! Куураттың го жанымды! Жеп-ичкенче жоготтуң Мен жыйнаган малымды!

Укпай койдуң сөзүмдү,

Көрүнгөнгө ат берип

Жөө калтырдың өзүмдү.

Кайнаган түмөн мал кайда?

Өндүрлүү Алтай жер кайда? Байгеге сайдың малымды, Кош колдоп чачтың талаага, Колумдагы барымды!

Тараттың кундуз, түлкүмдү, Сары кылып жоготтуң Казнадагы мүлкүмдү!

Ушубу сенин кылганың, Атаңды сыйлап турганың?!

Муну укканда Манастын

Кежири катуу кармады, Кабыландын ызгаары Бетине чыга калганы.

«Атам менен айтышып

Бажаңдашып нетейин,

Колуна малын карматып, Башка жакка кетейин!

Кара ниет атама

Кажылдашып нетейин,

Калк кыдырып кетейин»,–

Деп ушинтип баатырың

Кара-Буура, Чаткалда

Калк уйкуда жатканда, Каарданып, таптанып, Таластан чыкты аттанып.

Беш-Таштын башы Бек-Жайлоо,

Бек-Жайлоону ашты эми, Ар жагында Анжыян,

Боз-Талаага кирди эми. Ак сакалчан абышка Бет алдынан чыкты эми. Абышка туруп муну айтат, Кызыктырган кеп айтат:

– Балам Манас, тилимди ал,

Ай талаа бетин жайлайлы, Аштыкты мыктап айдайлы,

Кетмендеп жерди ачалык,

Кочуштап тукум чачалык,

Кара жерди как жарып,

Орток аштык айдайлык, Ошол аштык бышканча, Боз талааны жайлайлык!.

Абышка айткан бул кепке Кубанды Манас баатырың.

Колдон келет оокат деп, Куп көрдү чалдын акылын.

Айта-буйта дегенче,

Ачып көздү жумганча,

Тике жолун төтөлөп,

Алып келди ошол чал Эки өгүздү жетелеп.

Сокону Манас колго алып, Жердин бетин ачты эми, Кочуштап тукум чачты эми.

Аштык бышкан күз жетип,

Кызарып кырман толуптур, Күрүчтөй болгон ак буудай, Кызылы кырдай болуптур. Абышка айтат бир сөздү: – Орток аштык айдаган Дыйканчынын көзүмүн,

Абышка болуп кубулган, Баба дыйкан өзүмүн!

Түшүмдү бүткүл өзүң ал, Буудайды сатып пулуна Татыктуу тулпар сатып ал! Батасын берип аксакал Кайра түштү жолуна.

* * *

Лоп дайранын боюнда, Жашайт экен эзелтен Нойгуттун каны Карача.

Так ошого табылган

Кайыптан келген куу байтал

Ак-кула кулун тууптур

Тууганда жерге жатпаптыр, Энесинин үстүнөн Он эки жолу аттаптыр.

Секирген тентек кулуңду Билгичтер көрүп сынаптыр:

«Бул жаныбар Кулатай

Тулпардыгы укмуштай,

Алты ай минип жол жүрсө,

Арыбас сыны бар экен, Чү десе жанга жеткирбес Дулдулдун сыны бар экен. Салгылашкан жоо келсе,

Куланы жакшы баксаңыз Ойдогуңду болтурат. Бир күнү, кан Карача Казынаңды толтурат.

Башына нокто катыңыз,

Баркын билген адамча

Багын ачып сатыңыз»,– Деген экен сынчылар. Карачанын калкына Каатчылык жетиптир.

Карачанын көп нойгут

Нан таба албай зарланып Курсак ачып зарланып Ар тарапка кетиптир. Нойгут ханы Карача

Аккуланы жетелеп,

Аштык издеп темселеп

Ар тарапка барыптыр.

Боз талаага келгенде

Көрсө көңүл бөлүнөт,

Кырдай кызыл ак буудай Ай талаада көрүнөт.

Ай-балтасын жазданып Кырманчы болуп кайтарып Жанында Манас дөө жатат.

Көргөндө муну Карача

Окоро түйгөн ак чылбыр

Мойнуна бүктөп артты эми, Аккуланы жетелеп, Көк жалды көздөй басты эми.

Оң жагына толгонуп,

Ойгонуп Манас караса,

Тартууга келген Аккула,

Найза кармап, топ бузуп,

Дууга минер мал экен, Айгай кулак тундурган Согушка минер жан экен.

Сүйүндү Манас барбайып,

Чаначтай мурду дардайып,

Карача турду бакырып, Төө жетелеп келишке Нойгуттарын чакырып.

Токсон нарды чөгөрүп,

Капка салып буудайды

Үйө жүктөп жиберип,

Капка батпай калганын

Кочуштап жерден алышты, Куржунуна салышты.

Аккула колго тийгенде,

Манастын көөнү жай калды,

Нойгут ханы Карача Аккула берип Манаска,

Батасын берип кол жайды:

– Телегейиң тең болсун!

Конушуң дайым кең  болсун!

Теминишкен душманың,

Тирешсе сенден кем болсун!» –

* * *

Көңүлү жай кабылан

Аккула минип болкоюп,

Накери бутта чойкоюп,

Сыр найза колдо койкоюп, Аккуланы жетелеп, Кайра тартты Таласка.

Бир кезде Манас караса,

Алдыдан бир топ жан келет Боз адырды алкымдап.

Көк рапыс тон кийген,

Көк ала тулпар ат минген,

Жети түмөн кол келсе,

Желиккен бойдон бир тийген,

Ач айкырык, куу сүрөөн,

Атса, мылтык өтпөгөн,

Чапса, кылыч кеспеген,

Кууса качкан кетпеген,

Качса, кууган жетпеген

Кыргыздардын кырааны –

Акбалтанын Чубагы

Арыстан Манас баатырдын

Астында жүрсө ак жолтой,

Ак асаба туу кармап, Артында жүрсө, сан колдой,

– Эр Чубак келип калганы. Чырм этип уйку албаган,

Уйкусу жок, жолго сак,

Атка жеңил, тайга чак,

Сундурса найза тартпаган,

Сумсайып жоодон качпаган,

Аталаш жакын тууганы Кабыландын Сыргагы,

Тууралжын келген, бою пас,

Тулку бою кара таш,

Өмөлүшө жоо келсе,

Өлүмдөн жанын аябас,

Кырк чоронун кыйыны

Кыраан баатыр чыныгы,

– Эр Сыргак келген кези экен.

Акылга терең даанышман,

Кеңешин курган алыстан,

«Э» – дегени эки эмес,

Кебин сура калыстан,

Маңдайында багы бар,

Баатырлыгы дагы бар,

Журттун баарын текшерип,

Байкап турар чагы бар,

Кемтиги жок кебинде,

Кеби кетпейт тегинге,

Жалган айтып көрбөгөн,

Караңгыда көз тапкан,

Капыя жерде сөз тапкан,

Жакыптын уулу Манасты Багып жүрүп тал кылган,

Адамзаат пендеде

Теңдеши жок жан кылган,

Ак шумкардай жаркылдап, Аста сүйлөп баркылдап, Алдына Бакай келиптир.

Ошондо Манас арбайып,

«Амансыңбы, аба?» – деп,–

Артык айтар сөзү жок,

Кылмыштуудай кылыят, Бакайды карап мулуят. Абасы Бакай кеп айтат, Көр жемесин бек айтат:

– Жем издеген бөрүдөй,

Желип кетиш не жорук?

Эрин чанган катындай, Качып кетиш не жорук? Жолдошуна сыр айтпай, Жолго чыгыш не жорук? Жолу каткан бир чалга Таарынганың не жорук?

Кара жер бетин ачыпсың,

Боз талааны гүлдөтүп,

Булкунуп буудай чачыпсың,

Тапкан малың Аккула,

Таалайга бүткөн ат тура,

Мындайыңды билгенде,

Кыраандарга кабарды

Сала кетсең болбойбу,

Калтырбай Чубак,Сыргакты Ала кетсең болбойбу!

Эр Чубак өгүз айдашса,

Сокону Сыргак кармашса,

Үчөөңө тиймек экен го

Тоодой болгон үч кула! –

Абасы мындай дегенде,

Чоролор карап калышты, Кантер экен дегенсип Манаска көздү салышты. Каалгадай кашка тиш, Калайыктан башка тиш Кашкайып чыгып алды эми. Кайран Манас баатырың Каткырып күлүп калды эми. Аны көргөн чоролор Каткырыкты салды эми.

Чаначтын оозун чечишип,

Чаңкап кымыз ичишип,

Баатырдын жарпы жазылды, Баарында кабак ачылды. Дагы Бакай кеп айтат, Эр Манаска бек айтат:

– Бир мүнөзүң карасам, Адам айран калгандай. «Таарындым Жакып чалга»,– деп,– Эрегишсең бул кандай?

Эси кеткен чалга,– деп,– Эчтемең сенин кем болбойт,

Эли-журтуң барда,– деп,–

Милдетиң алсаң элиңдин,

Намысың күтсөң жериңдин,

Эми мындай кылба,– деп,–

Айтпай сапар жол жүрүп,

Балакетке салба! – деп,

Ким коргойт анда душмандан

Ата-журтту, жериңди,

Бир тууган кыргыз элиңди,

Чек кайтарган сакчыны,

Жайлоодогу малчыны,

Неберени, балдарды Суйкайган сулуу кыздарды,

Келин, кемпир, чалдарды?

Баатырың менен чоролор

Өз ара сүйлөп кеңешти,

Каткырып күлүп жыргашып,

Кечирим сурап, элдешти,

Аккуланы жетелеп,

Таласты көздөй кетишти…

 

АЛМАНБЕТ БААТЫРДЫН ОКУЯСЫ

Кытайлардын Карыкан,

Алооке кан, Азизкан, Эсенкан төртөө бир тууган – Какан кандын уулу экен.

Кырк дарбаза Бээжинден Карыканы Кытайды

Билип турган кези экен. Бир тууганы Азизкан Карыканга айтканы:

– Тандап туруп элимден Катын алып бергин – деп.

Кырк кандын эли кытайда

Соорондук деген бар экен,

Түбү кыргыз чал экен,

Сексенге жашы толуптур, Он эки кызы болуптур.

Он эки кыздын кенжеси,

Соорондуктун эркеси

Алтынай деген кыз экен,

Алтынай кызын Соорондук Азизге нике кыйыптыр.

Убакты жетип Алтынай Алманбетти төрөптүр.

Эркелетип эмизип Ак бешикке бөлөптүр.

Алты жашка келгенде,

Азизкандын Алманбет

Суук-Төр деген жерине,

Жалгыз көздүн элине,

Согуштун жайын окууга Он жылга бала жөнөптүр.

Ажыдаардын окуусун

Артык бүтүп Алманбет

Он алтыга чыкканда

Алтын кылыч, айбалта

Билегинде чалынуу,

Азизкандын ак болот

Кылычы кында салынуу

Жазгы күндөй жадырап, Окууну бүтүп келиптир.

Атасы тоюн бериптир.

Бир күнү туруп Азизкан:

– Ак сакал болдум мен,– деди. – Арызданган адам көп,

Ак-карасын текшерип, Сурак жүргүз сен,– деди.

Алманбет ишке илинди,

Ар ишинен баланын

Адилдиги билинди, Арыз-муңду текшерип, Алманбет ишке киришти.

Жасоолдору энтелеп,

Жети адамды жетелеп, Алып кирип келишти.

Сурады Алмаң жөндүү кеп: – Бу кандайча ишиңер,

Чынжыр салган мойнуна, Жашын төккөн койнуна Шордуу кандай киши? – деп. Кирешти шаар баң-баңы Жооп бере салганы: – Сиздейлерге мурунтан Урмат кылган ишибиз! Садага кылып жолуңа Чаба турган кишибиз! Өлүм жаза алганды,

Колго түшүп калганды,

Арызданган адамды

Урматына чалабыз

Улуктардын жолуна.–

Айраң болду Алманбет Азыркы уккан жообуна: – Өлтүргөнү турсаңар

Буларды менин жолума, Белек болсун силерден, Бергиле менин колума! Деди Алманбет ошондо

Өкүм кылып оң-солго, Жетөөн өзү алганы, Өлтүртпөй алып калганы.

Актап турду Алманбет Күнөөсү жок далайды,

«Элине болду адилет»,

Бизге да тиет кесепет»,–

Деп улуктун баарысы,

Жашы менен карысы

Өз ичинен чочулап Күпүңдөшүп калышты. «Жок кылабыз кантип» деп Алманбет деген калысты.

* * *

Азизкан жерин Кан-Жайлак Коңурбай ээлеп алыптыр. Мына ошондо Азизкан Баласына барыптыр:

– Иттигине Коңурдун

Кантип чыдаар жөнүң бар, Кай жериңде кемиң бар?!

Жайлоомду алып бербесең,

Ошого алың келбесе,

Алманбет болбой өлүп ал! –

Атасы мындай дегенде,

Алманын жини келди эми, Коңурбайдын алдына

Кан-Жайлак сурап барды эми.

Кебез белбоо, кең өтүк,

Кечилдин каны Коңурбай,

Мыкты болуп Кытайга

Толуп калган кези эле,

Кандык атка калдайып, Конуп калган кези эле.

Алманбет эми кеп айтат:

  • Эй, Коңурбай,– деп айтат.–Атакемдин Кан-Жайлак, Кайра кайрып бересиң.

Мындан ары Коңурбай,    Напсиңди тартып жүрөсүң!

Напсиңди сен тартпасаң, Көргүлүктү көрөсүң!  – Анда Коңур кеп айтат:

  • Азизкандын арамы,

Калжыраба! – деп айтат. – Жер дегениң эмине?

Жериңди бербейм дегеле!

Напси деген эмине?

Эрбеңдейсиң тим эле! Кайдан чыккан калыссың, Кара көзүң о¸юн!

Өлүгүңдү жүктөтүп Эсенкандын алдына Тартуу кылып ко¸юн!

Алманбет кирди акырып,

Сырнайзасын колго алып, Коңурбайга бакырып.

Токтолуп Коңур туралбай,

Качырып найза суналбай

Атына камчы салганы, Алапайын табалбай Алактап качып калганы.

Зымырап учту жеткирбей

Коңурбайдын кара аты,

Кара атынын бар экен Капталында канаты.

Капкасы болот коргонго, Эсенкандын ордого Кирип барды Коңурбай: – Айланайын улугум, Коломтодон кор чыкты! Азизкандын арамы Соопчул болуп зор чыкты!

Колуңдан өкүм алам дейт, Бийлигиңди которуп, Башка жолго салам дейт! Тактыдан сени түшүрүп, Өзү келээр көөнү бар.

Энеси кыргыз арамдын

Буга кандай жөнү бар? – Жете келген Алманбет Ордого кирип барганы:

– Алоокенин Коңурбай Азапка журтту салганы! Бул Коңурбай заңгарды Тыйып койоор жан барбы?!

Укмаксан болуп Эсенкан Эрди-мурду былк этип, Койбой-дебей чырт этип, Чыгып кетти коргондон.

«Адилет киши деп жүрсөм,

Эсенкан эмес эсер го,

Эл бийлеген бекер го

Журт куруткан көөсөр го?!» – Капаланып Алманбет Ордодон чыкты муңайып.

Айнектей болгон сулуу кыз

Алдынан чыкты суйкайып,

Кыздын аты Бурулча, Эсенкандын эркеси,

Акыл-эси кыйынча.

Бурулча сулуу кеп айтат:

– Ук, Алманбет! – деп айтат. – Эсенкан атам сени айтты, «Азизкан өзү жайласын.

Райымсыз көпкөн баласын»

Ушундай деген кеп айтты Атаңа, Алма, ишенбе, Атакең салат кишенге. Кол кармашып коштошуп,– Бурулча туруп калганы.

Кылчак-кылчак бурулуп, Алманбет жолго салганы.

Бурулчаны Алманбет

Бир көргөндө сүйүптүр

Суйкайган сулуу келбетин Жүрөгүнө түйүптүр. Алманбет келди коргонго, Атасынын ордого:

– Атакем, укчу! – деп айтат.–

Абайладым көп ишти, Арты жаман жумушту.

Эсенкан агаң, атаке, Ниети бузук турбайбы!

Эсенкан менен Коңурга Кылгылыкты кыламын!

Тактыдан канды түшүрүп, Өз колума аламын!  – Азизкан чочуп өкүрдү: – Угузба мындай сөзүңдү, Уйпалап ко¸т өзүңдү! Жалынсаң укпайм зарыңды, Чымындай кыям жаныңды!

Каңгайдын түпкү канына,

Жамандык болсо оюңда,

Бул жолуңдан кайт, балам,

Кан төгүүдөн кайтпасаң,

Угуп кой менин сөзүмдү, Эсенкандын колуна

Салып берем өзүңдү!

Атасы мындай дегенде,

Бурулча кыздын айтканы

Чын экенин билгенде

Алманбет жаш баатырдын Жаманга көөнү бузулду, Кылычтын кынын кармады.

Атасын чаап салууга

Уулунун колу барбады,

Оолугуп барып токтолду

Кылычын салып кынына,

Ордодон чыгып жок болду.

Энеси үйдөн кеп айтты:

– Кулунум, укчу,– деп айтты. – Улуктун калдың каарына, Убара салаар жаныңа. Тегерегиң темирден Торго калдың, кулунум. Тереңдиги кырк кулач Ордо калдың, кулунум!

Же сабырдык кылбадың, Жан күйөөр жолдош жыйбадың! Жайдарым жалгыз Алманбет, Энекеңди кыйнадың!

Кагылайын каралдым,

Кыясы кымбат бел тапкын, Кыйындык түшсө башыңа, Кыйышпай турган эл тапкын. – Таалайым менин, энекем, Табылгыс менин берекем!

Коңурбай башым тепседи, Кармашсам күчүм жетпеди. Өңгөсүн айтып нетейин, Атама сөзүм өтпөдү!

Кытайдан качып кетейин! Кош, энеке, аман бол,

Күн батыш кетти биздин жол!

* * *

«Алманбет качып кетти» деп,

Ордого кабар жеткенде

Каары келип Эсенкан Балбандарын чакырды, Бардыгын жекип бакырды: – Өзөгүмдөн өрт чыкты, Өз ичимен жоо чыкты! Азизкандын Алманбет, Энеси кыргыз карабет! Кытайдын белин ашырба, Бурутту көздөй качырба! Эки колун байлап кел! Өлтүрбөстөн чочкону

Бээжинге тирүү айдап кел! Жолду ката кыйнап кел!

Эр Коңурбай баш болуп,

Калың каңгай козголуп, Артынан жөнөп калыптыр.

Алтынай муну билиптир Түрмөктөлгөн кара чач Төбөсүнө түйүптүр.

«Ажал жетсе өлөм – деп,–

Асылым жалгыз уулума

Караан болуп берем – деп,–

Белсенип жоого кириптир,

Сырнайза колго алыптыр, Алоокенин баласын Капталдан тосуп калыптыр. Дүңкүйгөн кара доңуздай Алдынан чыкты Коңурбай.

Алтынай коркуп качпады,

Найзасын колго алганда,

Айбаттуу жаш Коңурбай

Улгайып калган катынды Ыргыта сайып таштады.

Ошондо кыраан Алманбет Кызыл кумду буратып, Артынан жөнөп калды эми. Коңурга Алма жетерде Ыргыта сайып кетерде. Төмөн жакка көз салса

Калың кытай жабылып,

Алтынайдын өлүгүн Бир качырга артышып, Бээжинге жөнөп калыптыр.

Жетип Алмаң кытайдын

Тополоңун тоз кылды,

Кармашып жүрүп каңгайдан Тартып чыкты энесин.

Сырнайзаны жерге уруп, Көзүнөн жашы төгүлдү, Кабыргасы сөгүлдү.

Ошентип ал турганда,

Душманды көр, селди көр, Туш-тушунан каптаган Калың кытай элди көр.

«Каңгай менен согушсам,

Кайран асыл энемдин

Көмүүсүз сөөгү калат – деп,–

Этине жору то¸т – деп,–

Эки көзүн о¸т» деп,

Белинен эңип бүктөдү, Тору бээге жүктөдү.

Караган черди аралап,

Көк-Булуңдун токойго

Энесин көмдү аманат…

Таң атканда Алманбет

Кылжейрен санга салганы, Дубалды карай бет алып,

Кытайдан качып калганы.

АЛМАНБЕТТИН КӨКЧӨГӨ КЕЛГЕНИ

Эртишке Алмаң келгенде,

Турнабай колго кармады, Тунарып жаткан талаасын Айландыра карады.

Эртиш суунун оюнда Кылкылдап калың эл жүрөт.

Кайнаган топтун четинде Көк ала атчан бир киши Айбаттуу эрдей көрүнөт. Бастырып келип Алманбет Салам айтты калмакча.

Эр Көкчө алик алды да: – Ким болосуң, баатыр? – деп, Сурап калды казакча.

Анда Алманбет кеп айтат:

– Уругум кытай эл болот,

Кыйындар менен кагыштым, Кырчылдашып салыштым. Асмандан мөндүр тутулуп,

Артыман жеткен куугундан

Араң келдим кутулуп. – Муну укканда хан Көкчө, Бир сары улак таптырды, Садагасын чаптырды.

Керней тартып бапылдап,

Ырчылар сайрап какылдап,

Алманбет баатыр келгенге,

Чал Айдаркан кубанып,

– Алманы өзүм алам – деп, Киргизип алды үйүнө.

Алманбет барды сүйүнө.

* * *

Арасында казактын

Кимдин болсо мүдөөсү Алманбетке жүгүрөт.

Уурулугун, айыбын,

Уруш-талаш, майыбын, Эрден чыкчу зайыбын Алманбет – калыс бүтүрөт.

«Балаа болду калмак,– деп,– Пастады биздин арбак, – деп,–

Четтетип барат бийликтен,

Каражолтой Көкчөгө Калабалуу бу кытай Кайдан келип кезиккен?! Ага-иниден чыр чыкса, Өзүбүз жообун тапчу элек. Анча-мынча пара жеп, Ооз майлап, кетчү элек. Казакты Кудай урдубу,

Каңгып келген бир кытай

Бийликке келип турдубу? Көкчө баатыр эр эле,

Дүнүйөсүн бүлдүрсөң,

Кенебеген кең эле, Катының бирөө караса, Касапта турган шер эле. Башка жакка калганда Паашалыгы бар эле.

Эсеби жок тар неме

Катын жакка калганда Аябай ичи тар эле!

«Катының менен Алманбет

Ойнош болуп алды» деп,

Ушак-айың таратсак,

Өлбөгөн жерде калбас» деп,

Ата-уулунан казактын Алтымышы жыйылып, Акылдашып алышты.

Алманбеттен айрууга Кеңеш кылып салышты.

Көкчө чыкса бир жакка,

Көргөнү барса мал жакка, Ууга чыкса кийикке:

  • Аңдып жүргүн, баатыр,– деп,–

Акеркеч деген катының

Алманбет менен жакын,– деп,

Айта берип ар кими Көкчөнүн көөнүн калтырды.

Казакта болгон ата-уулу,

Алтымыш экен баарысы,

Жолуккан сайын Көкчөгө

Озунуп айтып саламды, Жылдырып ко¸т акырын Бузукулук арамды:

  • Акеркеч жеңгей үйдөбү?Акеркечтин жанында

Алманбет дос жүрөбү? – деп

Какшык айтса бектери, Айдаркандын Көкчөгө Катуу тийет кептери.

Ар ким айта берген соң, Бузулуп көөнү кеткени.

Казактан чыккан ата-уулун

Чогултуп Көкчө жыйыптыр, Күчтүү болсун арак деп, Күчаладан салыптыр. Масчылыктан көз жаштап, Баатыр Көкчө сөз баштап: – Чыгарыңар, жакшылар, Чыр кылуучу ишим бар. Алманбет менен жакын дейт, Акеркеч деген итим бар.

Айтыңарчы аныгын,

Аңдасам соодой көрүнбөйт Алманбет кулдун калыбын.

Арамдыгы чын болсо,

Азыр кармап со¸лук,

Адалдыгы чын болсо,

Бузук сөздү ко¸лук! – деп Көкчө өтүндү элинен.

Алтымышы адашпас

Антташып алган кебинен: – Бир кишини көрө албай Билбей айтсак жамандап,

Бизди Кудай урбайбы!

Бирибиз эмес баарыбыз,

Жашыбыз эмес – карыбыз, Ак болсо, кантип булгайлы!

Бизге ишенбей турсаңыз,

Алган жарың Бийдайгүл,

Жаш токолдон сураңыз,– деп Баталашкан немедей Баары чуулап калганы.

  • Катын, кандай көрдүң? – деп,
  • Токолуна бурулуп, Көкчө көзүн салганы.

Өңү сулуу болсо да,

Өзүндө акыл аз экен, Арак ичип бир чыны Бийдайгүл да мас экен:

  • Бузук да болсо байбичең

Менден жакшы,– деп айтты.– Чын айтпасмын, күңүмүн. Чыгаандыгын аныңдын Күндө көрүп жүрүмүн.

  • Андай болсо, эл,– деди,–

Алманбетти чакырып, Азыр алып кел! – деди.

Азабын берем мен! – деди.

Тузум урган кул! – деди.

Азыр аны сойбосом, Алганым калсын тул! – деди. Жамандыкты мен бүгүн Көргөзөйүн көзүнө!

Алманбет кулду со¸юн,

Акеркеч деген катынды Азапка салып ко¸юн.

Жайдак атка мингизип,

Казакка бүткүл билгизип,

Эл кыдыртып жүргүзүп,

Кааласам, катын кылам,– деп,

Каардансам, жанын кыям – деп Мас болду Көкчө күүлөнүп, Өңгү-дөңгү сүйлөнүп. Чогулган казак баарысы Баатыр болуп калышты. Алманбетти жутмакка Баталашып алышты.

Эки жигит чаптырды, Алманбетти таптырды.

Казактан кастык болот деп,

Кайран эрде капар жок,

Ар нерсе ойлоп Алманбет

Бастырып жетип барганы, Жигиттер атын алганы. Салам айтып бийлерге

Эр Алмаң үйгө киргенде,

Айбатынан баатырдын

Апкаарыша калышып,

Тура калды дүрбөшүп,

Саламга алик алышып.

Бакырды Көкчө бектерге:

– Ажыдаар башын салдыбы?! Арстан кире калдыбы?! Баатырсынып эми эле Айткан сөзүң эмне эле?!

Атпай казак баарыңды

Арбак уруп салдыбы?!

Кытай кул үйгө киргенде, Кызыталак «кыйындар», Кырыла жаздап калдыңбы?!

Суук сөздүү кеп чыкты, Эки оозунун бир оозу «Кытай», «калмак» деп чыкты.

Көкчө баатыр күүлөнүп,

Көкжал Алмаң султандын Көзүнө айтып сүйлөнүп, Суук сөздү салганы. – Алмурут чыккан жерлерге Итмурун чыгат дечү эле. Ит ичпей турган ашынан Үмүт этет дечү эле. Арстан баскан жерлерден Аюу жойлоп турарбы?!

Жанымда жүрсө бул калмак,

Мени да Кудай ураарбы! –

Укканда муну Алманбет Жалын чыкты көзүнөн, Жаалы чыкты сөзүнөн:

– Алмурут Көкчө сен болсоң,

Итмурун жыгач мен болсом, Мен да куруп калайын, Ит Көкчө, сенден кем болсом! Арстан Көкчө сен болсоң,

Лапшыйган аюу мен болсом, Адам болбой өлөйүн, Айбаным, сенден кем болсом! Элиңде туруп эркексиң,

Элиңден карыш сен чыксаң,

Бооз катын шелпексиң! –

Акылы кеткен азыраак, Арак ичкен масыраак Оолугуп Көкчө бакырды:

– Тентиген кулду муузда! – деп, Жасоолдорун чакырды. Сууруп алып кылычын Алманбет турду октолуп. Кайрат кылаар бир жан жок, Кымырынды токтолуп. Өткүр Алмаң ойлонуп, Кылычын кынга жашырды:

«Итчилик кылса, бул кылсын,

Азыр сабыр кылайын,

Өлөңдүү жерди өрттөбөй

Өзүм кетип тынайын!» Муну ойлогон Алманбет Эшикти көздөй бет алды.

Кытайды Кудай колдоду Жолун тосуп алдынан Казактан чыккан болбоду.

Казатка минээр Кылжейрен

Атына Алмаң барганы, Оолжуй басып Акеркеч Ордодон чыгып калганы.

Дарайы көйнөк шоодурап, Караса көзү жоодурап, Акеркеч сыпаа кеп айтат:

– Аярла, аяш, – деп айтат. – Ата-бала урушат,

Ага-ини жулушат,

Анткен менен кетишпей Айланышып турушат.

Не түрлүү чыры болсо да Эртеси өңүн көрүшөт.

Өлүп калса бир-бирин Өкүрүп, ыйлап көмүшөт. Кылчайбай атка минишиң Келбес бекен эбиңиз?

Мас таркаса, соо болоор, Бир сапаркы ачууну

Алмакем, мага бериңиз?

Көзүн жаштап Алманбет, Акеркечке кеп айтты:

  • Терек көрсөм коноормун,

Термелбестен көтөрсө,

Ошого жолдош болоормун, Кайышпай кайың көтөрсө, Ошо жерде болоормун.

Не түшсө башка көрөөрмүн,

Ажалым жетсе өлөөрмүн. –

Муну укканда Акеркеч Көзүнөн жашы төгүлүп, Кеп айтты көөнү бөлүнүп:

  • Көөнүң калса Көкчөдөн,

Жол издеп баргын Таласка, Кайрылбай өтүп кетпегин Көкжал төрө Манаска.

Кадырың билээр как ошо, Канзааданын баарысы Кашында жүрөт аа кошо.

Пейлиңди билээр бек ошо, Бекзааданын баарысы Бетинде жүрөт аа кошо.

Бул сөздөн кийин боздошуп: «Аман болгун, жеңе» дейт, Акеркеч менен коштошуп,

Алманбет жолго салды дейт.

 

АЛМАНБЕТТИН МАНАСКА КЕЛГЕНИ

Ошондо баатыр Алманбет

Казактан чыккан кайгырып,

Кадырлашы Көкчөдөн

Каргаша болуп айрылып,

Узак-узак жол басып,

Чыканак жерге салбастан,

Чырм этип уйку албастан,

Жалгыздык түшүп жанына,

Тили кургап таңдайга

Эрини чарта кесилип, Ачкадан боору эзилип, Жолдо келет Алманбет.

Тоо түгөндү, уч болду,

Жол түгөндү, түз болду,

Суу түгөндү, чөл болду,

Илегилек, көк кытан,

Ийри тумшук, бир казан – Суу кушунун баары бар. Саздуу жерди ээлеген Ызылдак ызгыч дагы бар.

Уча качса башка куш,

Ызгыч кара кашка куш

Катуу келип дүрүлдөп, Качыра бермей адамды Качантан берки адаты.

Аттатып кара суулардан

Алманбет качса кутулбайт Ызылдаган кургурдан.

Кыжыры кайнап кырданып, Суу көтөрбөй сиркеси Кырааның Алмаң сурданып, Ызгычка айткан бир сөзү:

– Ызылдаба, ызгыч куш, Канаттуудан сен жалгыз, Карабаштан мен жалгыз, Куруп келем жапжалгыз!

Койсоңчу, ызгыч, кордобо, Уяң менен ишим жок, Жолумду менин торгобо!

Дегенге болбой ызгыч куш Качыра берди күүлөнүп, Алманбетти тушма-туш.

Кашайып жаны Алманбет

Коломсокко кол салды,

Кол салды да ок алды,

Өлтүрө атпай ызгычтын

Сындыра атты канатын, Эңип алып ызгычты Карап көрсө, жок алы. Бөдөнөдөй өзү бар, Бөтүрөйгөн көзү бар.

Насыят кылып ызгычка

Алманбет айтаар сөзү бар: – Алыңды чактап билбедиң, Айланып сага тийбедим.

Катылба десем, болбодуң,

Кадалып жолум торгодуң,

Кадемиң каткыр, оңбодуң,

Тийбегин десем, болбодуң, Титиреп жолум торгодуң, Тийгенден кана оңгонуң?!

Сенден бетер мен дагы,

Ажалга байлап башымды, Алымды билбей оңбоюн.

Калбасын жетим балдарың,

Бейкүнөө жанга тийбей жүр,

Канатыңды оңдоюн,– Деп Алманбет берениң

Кайнатма кара дарыдан Сүйкөй салып жаратка,

Кырмызы кытай дарыны

Канатка кынай таңганы. – Уяңды тапкын эми – деп,– Учуруп ийип ызгычты, Артынан карап калганы.

* * *

Аң уулаган жеринен,

Бото-Мойнок белинен

Аккула минип болкоюп,

Манас кырда золкоюп,

Баятан байкап туруптур, Оюн буга буруптур:

Алдам, бердиң бишарат, Арстан Алмаң арбайып, Келе жатыр калдайып. Башында жыга бөркү бар, Падышалык көркү бар.

Кайратына жан тургус, Канга ылайык каркы бар. Ошо келе жатышы Жыйырма сегиз жашы бар.

Алманбетти көргөндө

Эр Манас өтө таң калды, Чоролорун чогултуп, Буйрук берип, кеп салды:

– Белиме таңуу беш баатыр, Көк колот ылдый салыңар, Көрүнбөстөн барыңар.

Жаныңа жакын келгенде, Айгай салып бакырып, Каракчы болуп калыңар.

Көй баатырдан бешөөсү

Көк колот ылдый салышты,

Көрүнбөй тосуп калышты,

Мылтык атып, тарс коюп, Добул согуп, карс коюп,

Жеп ийчүдөй бакырып,

Жакын жерден качырып, Жабылып чыга калышты. Келе жаткан Алманбет

Чил учкандай селт этип, Бир да карап албады.

Барса да баары бакырып,

Бар кайратын чакырып,

Кайраты мындай ким болду, Каары катуу беш баатыр Катыла албай тим болду. Манаска келип Алманбет Салам берди заңк этип. Арстан Манас, эр Бакай Алик алды барк этип.

Колун сунуп ийилип.

Жооп берди Алманбет:

  • Ой жетпеген иш издеп,Оң караган киши издеп, Ооп жүргөн бир жанмын.

Маңгып жүргөн бир жанмын. Батаарыма элим жок, Безип жүргөн элинен Алманбет бакыр өзүмүн.

Тууган кылсаң, кырк баатыр, Турууга келдим мен акыр.– Алиги турган кырк баатыр:

«Акылыңа бали!» деп, Кол көтөрүп дубага Бата берип колдоду. Айкөл Манас баатырдын Көңүлү көлдөй толгону:

  • Акырет мага дос болуп

Алманбет баатыр келди деп,

Бай Жакыпка барыңар, Энеме кабар салыңар, Сүйүнчүсүн алыңар!

Чыйырды эне баш болуп, Он эки кемпир алыптыр. Торко тон кийип жайкалып, Алдынан тосуп чыгыптыр.

Атынан түшүп, жөө басып, Алманбет урмат кылыптыр.

Бай Жакып бар башында,

Бакайы бар кашында,

Кырк жигиттин баарысы,

Жашы менен карысы

Чогулуп кан сарайда Өткөрдү Манас улуу той Сегиз кан кыргыз журтуна.

Той тарады кеч болду,

Алыскылар кете албай, Конок болор кез болду.

Манастын өргө үйүнө Алманбет кирип барыптыр, Манасты таппай калыптыр. Байбичеси Манастын Карабөрктөн кеп сурайт:

«Кайда кеткен?» – деп сурайт.

Карабөрк катын кеп айтат:

  • Канышынын үйүнө

Баргандыр төрөң – деп айтат. Эркесинин койнунда

Жаткандыр төрөң,– деп айтат.

Эми Алманбет билбеди:

«Эрке деген ким?» – деди. Карабөрк анда кеп айтат, Катуу күлүп, бек айтат:

  • Э, кокуй күн, АлманбетКөрө элек белең жеңеңди,

Какчаңдаган кара бет,

Шооруктун кызы Акылай,

Шоодураган капырай, Акылай сулуу дегенди,

Көрүп кой барып жеңеңди?

Койнунда жатат  Манас – деп, Карабөрк айтты какшык кеп. Акылайдын үйүнө

Барып калды Алманбет, «Адам барбы үйдө?» – деп, Эшигинен сурады. Олтурган төрдө Акылай Орунунан турбады.

– Байбиченин үйүнөн

Чыкпай калган Манасың

Маа жолобойт такыр, – деп, Жообун берди Акылай.

Көрсө Манас баатырың,

Бойдок беле капырай! –

Деп ойлонуп Алманбет

Үйүнө барса Жакыптын Атасынын төрүндө Эс алып Манас жатыптыр. Алманбет күлүп кеп айтты, Тамашалап бек айтты.

– Карабөрк менен Акылай

Катыным деп жүрүпсүз,

Калыңдык менен кайгырбай,

Баатырдык менен байкабай,

Карабөрк менен Акылай

Катыным деп ойлопсуз, Карап турсам, өзүңүз Чындап келсе бойдоксуз». «Алманбет сөзү ырас!» – деп Ойлонуп Манас калды эми.

Жакыпка салмак салууга, Кудалап катын алууга,

Оолугуп Манас калды эми.

 

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙГЕ ҮЙЛӨНГӨНҮ

Карабөрк менен Акылай

Катыным деп санабай,

Кудалап катын алууну, Жакыпка түйшүк салууну Кан Манас ниет кылыптыр:

– Карган атам сен болсоң,

Кабарың жок эч иштен,

Карызың бар мойнуңда – Катын алып бермегиң. Кайып даңдын Карабөрк Катын жатат койнумда.

Калмактардын Кайып даң

Ымалайдын тоосунда

Кастык кылып, жолум бууп,

Колго түшүп курганда,

Карабөрк кызын аргасыз Олжого берип кутулган.

Алтайдан көчүп келген соң,

Өзү өчөшүп катылып,

Шоорук кан ойрон болгондо, Кызын тартуу кылган соң Кутулган эле талоондон.

Шооруктун кызы Акылай

Олжого келген талаадан Пуштундар турган калаадан.

Жашым жетти отузга, Баланы ата үйлөмөк Баштагынын наркы экен. Жаман да болсо балаңыз Кыргыздан чыккан даңкы экен. Чыгымы канча болсо да Нагыз өзүм төлөймүн.

Эрке-талтаң ээн өскөн Жалгыз кыздан болбосун. Акылга дыйкан айлалуу, Ааламга толук пайдалуу,

Көңүлү сылык, пейли кең,

Төрт тарабы болгон тең,

Жылдызы ысык, жылуу сөз,

Чырагы жарык, жоодур көз,

Акыл менен эр баккан,

Ыйман менен эл баккан Ойротто жок уз болсун, Ою терең кыз болсун!

Болсо болсун болгондой,

Көзү көргөн пенденин

Көңүлүнө толгондой! – Муну укканда Жакып кан:

«Кыз табылса кокустан,

Кысынып кантип турам» – деп,–

Алтымыш жамбы пул менен, Жан жөөкөрү кул менен «Кудай!» деп жолго салыптыр.

Самаркан элин аралап,

Жарды-байын аралап,

Оротөбө, Жызакты,

Онун баарын кыдырып,

Кечип дайра Сырынан,

Тынчып Жакып олтурбай Кыдырып өтүп Букардан Кечип өттү Кейипти.

Карып калган чагында, Кыз издетип кылымдан Жакыпты Манас кейитти. Эки жамбы пул берип,

Кыз жайын Жакып сурады Шаар башчы Алымдан.

Алым мырза кеп айтат:

– Аксакал, анда – деп айтат.– Кыз жактырбай кылымдан Кыдырып келген экенсиз. Жага турган бир кыз бар, Кантип алаар экенсиз?

Атасы анын Атемир Отуз шаарды бийлеген Каны болот Букардын. Атемир делбей көбүнчө Темиркан деп аталган.

Он эки кыздын кенжеси

Санирабийга дегени,

Он алты жарым жашы бар, Акылдуусу баарынан.

Себеби бар жашырар,

Көргөзөм кызды жүргүн – деп, Алым мырза Жакыпты Бак ичине алпарды.

Кан Жакыптан башканы Ээрчитпей сыртка таштады.

Аккан суунун четинде, Калың куурай бетинде Бай Жакып көзүн салыптыр:

Кырк нөкөр кыздын баарысы

Чылк жибекке чырмалып,

Жыгылчудай ыргалып,

Санирабийга кыз экен,

Суп-сулуунун өзү экен,

Чылк алтындан жыгасы Оң чекеде кырданып, Акыл толгон кези экен.

Олоңдой кара чачы бар,

Келишкен кара кашы бар,

Жазык маңдай, кара көз,

Жатык тилдүү, ширин сөз,

Аркасы кайкы, аркар төш,

Ай чырайлуу, бото көз

Кызылдуу жүзү нурданган, Кыпча бели буралган.

Жаман деп киши айтпаган

Сыйлуу болоор киши экен. Болжолу жок боорукер,

Эзилтип адам көңүлүн

Эт боорунан жаралган,

Үзүлгөнүн улаган,

Көзү чалган пенденин

Үзүрү болсо сураган, Жеткире акыл ойлогон Тереңдик жайы бар экен.

Кызылдай бою сарамжал, Кастарлуу жайы бар экен.

Ордого Жакып барганда,

– Аркалыктай мүнөзүң,

Аксакал, кайдан жүрөсүң? – Деп сурады бир беги. Жакып байга алардын

Жаман тийди бу кеби.

Анда Жакып кеп айтты:

Ногойдун уулу – Жакыпмын,

Ордого келип калыпмын,

Алоокени кубалап,

Түркстанды бошоткон

Атасымын Манастын! – Дегенде Жакып күүлөнүп,

Жүрөгү кетип кабынан

Күңкүлдөп, коркуп сүйлөнүп Жасоолу жылып жөнөптүр Бай Жакыптын жанынан. Атемир канга кириптир,

Манастан жуучу келди деп, Ханына айтып бериптир. Алдынан чыгып Атемир Салам айтты, Жакыпка:

– Келгениңиз кут болсун,

Кас кишиңиз журт болсун.

Аман-эсен жатабы

Кара кыргыз элиңиз?

Кабарсыз кандай келдиңиз? Жообун айтты бай Жакып: – Менин мында келишим Жараткандын буйругу. Кыдырдым далай жер кезип, Уулум үчүн кыз издеп. Көңүлгө толду көргөндө, Сиздин кичүү кызыңыз.

Куда болуп калууга,

Падышам, кулдук урамын, Алдыңызга чөгөлөп Куда түшүп турамын!

Кол салып Жакып куржунга,

Шаңшуурдан тандап, чоңду алды,

Санап туруп, онду алды,

Тайтуяктан онду алды, Баарысына татырлык Алтындан койду бир жамбы.

«Бата аякка берди!» деп, Бектердин баары таңданды.

«Кыргыздын заңы кандай? – деп,

Биле алышпай турушту. – Билбесек да кийсин – деп,– Биздин эл кылган жумушту

Бу да көрүп кетсин» деп,

Кызыл кымкап дейилде,

Үч сарпайы кийгизди,

Башайы менен бейкасам Тогуз сарпай кийгизди. Кудалашып Атемир

Бай Жакыпты кубантты, Ыраазы болуп Атемир Кан кудасын узатты.

* * *

Үч күн жүрүп арада,

Чөлбиябан талаада

Элине келип Жакып бай Көргөнүн айта баштады, Эл тыңдады, шашпады: – Манасыма кыз издеп, Далай жолду баскамын. Кыйба деген жер экен, Кеңири тажик эл экен.

Бизден мурда көп жылы Мусулман болгон эл экен.

Канынын аты Атемир, Мага абдан жакканы Санирабийга кызы экен. Карыганда  Манасым, Кыз издеттиң чалыңды. Камдай бер эми, чырагым, Калыңга берчү малыңды! Атпай калың кыргызга «Кандай» деп Манас карады. Ага-иниси кошумча «Беребиз!» деп чуулады. Он эки тайпа кыргызы Ошо жерде дуулады.

Кырк баатырдын баарысы Кысталышта ар качан Сактайт экен намысты. «Катын алса, Манастан Кантип аяп калалык! – Кара журттун баары айтты.– Канча десең турдук!» деп, Кан Манаска баары айтты. Ынтымактуу элинин Камбыл тура балдары.

Куда башы болмокко Карпаңдады чалдары. Айтканынан үч эсе Арбын малды камдады.

Кырк үйдөн бир кой чыгарып,

Отуз миң кой айдашып,

Нардан жүздү жетелеп,

Үч миң жылкы айдатып,

Бара жаткан жолунун

Астын-үстүн жайнатып,

Көкөтөй баатыр канына

Жакыпты кошуп жанына, Бара жатыр кыргыздар Букара кандын шаарына.

Сыйда сакал, кер мурут Он эки миң жигити Эр Манасты жандады.

Толук жаштуу аксакал Тогуз миңи тандалды, Бай Жакыпты жандады. Кудагыйы Чыйырды

Тогуз жүз кемпир камдады.

Кырк чоронун баарысы,

Кыргыл, Бакай карысы

Кыйрына кабар салыптыр,

Бир миңден таштап, бир миңден Кырк миң аскер алыптыр.

Комузчудан жүздү алып,

Кош ооздуу кернейи

Отуз жети жигитте,

Сыбызгы менен чоорунан,

Айчыгы алтын, найы жез Алтымыш төрт сурнайчы Безилдеген дабышы.

Керней тартып бапылдап,

Сурнайдын үнү такылдап,

Чилмардан кагып шакылдап,

Көпчүлүктүн жүрүшү

Көчкөн көчтөй калкылдап, Асты-артына көз жетпей Бара жатыр закымдап. Жез най үнү ызылдап,

Сыбызгы үнү тызылдап,

Кой айдатып чубатып,

Уй мөөрөтүп чуулатып,

Кишенетип жылкысын

Он эки конуп арада,

Ой-Бийабан талаада,

Он үчүнчү кеч менен

Барып конду кыргыздар Букара деген калаага.

Кырмызыдан чатырын

Кыдырата тигишип, Бир-бирине кошуна Кызматкерлер киришип. Батпай кетти келген мал Букара, Кыйба шаарына.

Ээ боло албай малына

Түйшүк түштү бу күнү Эл-журтунун баарына.

Манас баатыр зымпыйып,

Алгыр куштай кымпыйып,

Кыз кызыгы бар үчүн

Жүрөгү дегдеп тынбады,

Токтоого такаат кылбады,

«Жүз көрүшмөй болгончо

Өзүм бир көрүп алайын, Кандай неме болду экен Кудалашкан зайыбым.

Түшүнсө жарым кечирер

Чыдамсыздын айыбын!» –

Деп ушинтип эр Манас

Ажыбайды кел,– деди

– Кыз кайтарган сакчыга

Ак жамбыдан бер,– деди,– Бараар жолду тазалап, Макул кылып кел,– деди. Кыздын самап кызыгын Кыраан Манас дегдеди.

Кан сарайдын багында

Гүл терип жүргөн жагында

Көрүп калды эр Манас

Атемир кандын кенжесин Суйкайган сулуу эркесин:

Олоңдой кара чачы бар,

Келишкен кара кашы бар, Ачык маңдай, кара көз, Шыңгыраган ширин сөз.

Аркасы кайкы, аркар төш. Ай чырайлуу бото көз,

Жылдыздуу жүзү нурланган

Кымча бели буралган,

Укмуштай сулуу кыз экен,

Ай перинин өзү экен,

Суктанып Манас калганы, Делебеси  козголуп Жаш кызды колдон алганы.

Тажик кыз Санирабийга

Намысын коргоп, сактанып Арданып айтты кыргызга: – Уруксатсыз бу жерге Келип турган сен кимсиң? Тарткын азыр колуңду, Тапкын кайра жолуңду!

Жооп айтпай төрөң турабы: – Санирабийга, өзүңдү Алганы келген мен Манас. Карк алтынды үрөндөй Чачып келген мен Манас.

Алтын капка ордонун, Атакеңдин коргонун

Ачып келген мен Манас.

Баркымды билер жарым деп, Шашып келген мен Манас! Кыз кыйындап кеп айтат: – Жеткин тойдун соңуна, Ошондо барам колуңа.

Никебиз али боло элек, Атакемдин батасын Эл-журтубуз уга элек.

Жашыруун келдиң уялбай, Тарт колуңду ары кет Уяты жок балакет!

Аты Манас деп койсо, Ошого кантип көнөйүн! Намысымды булгатпайм, Азыр кайта жөнөгүн! Азыр чыгып кетпесең, Анык сенин өлөөрүң! Айтып сөзүн кан кызы Алды канжар колуна.

Манастын келип ачуусу Шап билектен алаарда, Колуна канжар жеткени. Чийдей кызыл кан атып, Шыркырап агып кеткени.

Баатыр Манас көкжалдын

Эрдиги эмей неткени, Ызасы катуу келсе да, Бурулуп чыгып кеткени.

Айбаттанып каарданып,

Ызаланып сурданып, Арстан барды кошунга Көп аскеринин кашына. Чогултуп баарын короого Буйругун берди чорого: – Өрттөгүлө талкалап Дарбазасын Букардын!

Күң кылып айдап келгиле Атемирдин кыздарын! Урушка какчу добулбас Ушу замат кагылды. Самсып жаткан көп кошуун Аттарына жабылды.

Абыр-шабыр ат минип,

Ат мингенде бат минип,

Мылтыктуу мылтык октоду, Мылтыкка милте чоктоду.

Саадактуу жаасын октоду, Каптап келип калааны Калың аскер токтоду.

Буйругун күтүп улуктун, Башталышы качан деп Кансыраган бүлүктүн.

* * * Ажарын салып Саани кыз Атасына кайрылды:

– Канеткенде ко¸мун

Калктын баарын сойдуруп, Каршы чыксам астынан Кайтараармын койдуруп.

Кара кыргыз канына, Никесине кирүүгө Барайынчы алдына.

Барча тажик, эл үчүн

Багыштайын башымды.

Мен ачуусун алайын, Таарынган кыргыз баатырдын.

Мен Манаска барайын

Букарды сактап калайын! –

Деп ошентип Саани кыз,

Кызыл-тазыл кийинип,

Ак жоолук байлап желекке,

Асемдүү шербет аш куюп,

Алтындан кылган челекке, Батнозго коюп нанынан

Каптап келген кошуунду Тосуп чыкты алдынан!

– Таарындың, баатыр, бизге – деп,–

Талабым артык сизге – деп,–

Букардын жоктур күнөөсү, Кыялыңды билмекке Кыз жарың кылган мүнөзү.

Тажиктин жоктур күнөөсү,

Келбетине чиренип,

Коркутуп сизди койгону Колуктуңдун мүнөзү.

Чырдын баары биздики,

Намыздуу кызга кол салган Чыдамсыздык сиздики.

Канжарым тийди колуңа Кара башым чын тартуу, Эр Манастын жолуна!

Түйүндү, төрөм, чечиңиз, Дүүлүккөн ачууң кечиңиз! Таарынып элди кыйратпай Талабыңа жетиңиз!

Букардын сулуу селкиси

Алдында турду бүгүлүп,

Ак жоолук кармап жалдырап, Кыргыздарга жүгүнүп.

Атынан түшүп эр Манас

Тажиктин кызын тургузуп,

Бооруна басты кучактап, Көздөрүнө жаш алды, Жаш баладай бышактап.

Жеңилгис баатыр эр Манас

Душмандарын кулаткан, Далай элдин кандарын Багындырып сулаткан.

Сүйүүнүн мындай жеңишин Көргөн эмес эч качан.

Тажик кыздын жүрөгү

Махабат менен кагылды, Бул дүйнөдө көрбөптүр Манас өңдүү асылды.

Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй. Алды калың кара жер

Жерлигинен бүткөндөй,

Ай алдында дайранын

Толкунунан бүткөндөй,

Абадагы булуттун

Салкынынан бүткөндөй, Асмандагы ай-күндүн

Жаркынынан бүткөндөй! Ушундай болуп көрүнөт.

Жалындуу жүрөк болгон соң, Сүйүү деген чиркинге Кумарданып мас болсоң! Муну көргөн  баатырлар Жер жаңырта бакырды.

«Согуш эмес! Той!» – дешип «Манастап» ураан чакырды. Далдырап калган Атемир Коркунучу жазылып:

– Казыначы кайда?! – деп,

Кыз, күйөөнүн жолуна

Жүз миң дилде чачылып, Кырк бир мыкты үйүнө

Шаардын сырткы четине, Кең талаанын бетине Катар тигип салышып.

Кырка тиккен үйлөргө Кыздар кирди тептегиз. Он алты жарым аягы, Астынын жашы – он сегиз. Бир-бир үйдөн киришти, Бир-бирден күйөө тиерин Айтпай-дебей билишти.

Азизкандын Алманбет

Атемирдин өз кызы,

Аруукеге барыптыр

– Акыреттик жар бол! – деп, Саамайын сылап сулуунун Колунан назик кармаптыр.

Кырк баатыр кырка туруптур. Арбактуу элден кыз алып, Ошондо кыргыз тунуптур. Тойго какчу нагара Атемир кан чалдырды:

Ат, кунанын чаптырды,

Жалпы журттун баарысын Тамашага баттырды.

Отуз күнү ойнотуп, Эшикке эшен жыйдырды, Эки күн нике кыйдырды.

Тажиктен кыз алам деп

Баатырлар кырка барыптыр, Тажик элден кыз алып Ошондо кыргыз каныптыр.

Санирабига дегенди

Түпкү атын кыргыз түк билбей, Кан никейи болгон соң

Каныкей – деп калыптыр.

 

КӨЗКАМАН  МЕНЕН КӨКЧӨКӨЗ

Эсенкандын алтын так,

Тегерете чынар бак, Мунаранын үстүнөн Добулбасын чалыптыр. Тагына чыгып акырын, Эсенкан айтат акылын:

– Манас оңой жоо эмес,

Манасты алдап сойбосок, Өлүм кылып койбосок,

Татытат шордуу тузуңду, Умачтай ачат уйкуңду.

Кара баскан Манасты

Күм-жам кылып келгенге

Алтын таажы кийгизем,

Кытай менен маңгулдун Бир кандыгын бергизем!

* * *

Орозду, Үсөн, Бай, Жакып –

Ногой кандын балдарын

Туш-тушка кытай сүргөндө, Каңгайга кеткен Үсөнгө Көзкаман аты коюлган.

Үсөндүн уулу Көкчөкөз:

«Манасты барып өлтүрүп,

Башын кесип жеткизип,

Эсенкандын алдына

Белек кылып берем деп,

Акысына мен өзүм

Мангулдун каны болом» деп, Арам ойлуу Көзкаман

Эр Манаска кат жазган:

«Кабылан Манас баатырым,

Алы куруп кыргыз журт

Ар кайда тентип калганда, Азапты көрдүк арманда! Кара кытай, манжуунун Бадасын багып, күн көрдүк. Айладан чыгып чарабыз,

Сага биз кантип барабыз?»

Бул катты Манас көргөндө,

Алдынан киши жиберип, Бапыратып баарысын Көчүрүп келди Таласка. Агайын-тууган болгон соң

Айылдаш конду Манаска.

Көкжал Манас ошондо

Казына оозун ачтырды,

«Тууганым Үсөн келди» деп, Күрөй-күрөй чачтырды.

Арстан Манас баатырды

Көкчөкөз менен Көзкаман Үйлөрүнө чакырды.

Көкжал  арам ойлобой Көкчөкөзгө барганда, Көзкамандын айтканы:

– Манасым, сага келгени,

Ачыккан элек, тоюндук, Кеңелип пейил, чечилдик, Кетилип келип, жетилдик.

Азат кылдың, айкөлүм,

Калмактан качкан башымды,

Ичпедиң менин ашымды. –

Көзкаман муну айтканда,

Көкчөкөз өзү турду эми,

Кылт этсе, өлүп кетүүчү,

Жыттаса, ажал жетүүчү

Уу коргошун коштурган,

Калмакча тарткан арактан Мелтирете куйду эми:

– Түбүбүз бирге тууган! – деп,

Көкжал Манас баатырга Көзкаман аяк сунду эми.

Көзкаман сунган аракты

Баатырың ичип койду эми,

Ошол замат бүк түшүп,

Төбөсү менен тик түшүп,

Жыгылды Манас, тили жок, Айкөлүңдүн жанында Чоролордун бири жок.

Көкчөкөздүн тогуз уул,

Көзкамандын тогуз уул

«Ууланган Манас көк жалды Курмандыкка чалсак – деп,–

Башын кесип, байланып,

Эсенкандын алдына

Сүйүнчүлөп барсак! – деп,– Кан таажысын кийсек! – деп,–

Алтын такка минсек! – деп,–

Кара сурдун сулуусу,

Аялзаттын нурдуусу,

Каныкейге барсак,– деп

Олжо кылып алсак!» – деп, Эр Манас көзүн жумганда, Качырат көзкамандар.

Арстан көзүн ачканда, Кайрадан качат акмактар.

Асмандын күнү бүркөлүп,

Алтымыш мүшкүл бир келип,

Онтолоп жаткан Манастын Көңүлү жаман бөлүндү, Ажалы жакын көрүндү.

Ошол кезде Каныкей

Жамандык сезип жээлигип,

Ичи өрттөнүп ээлигип,

Таң кашкайып сүргөндө

Жерге жарык тийгенде Аккуланы токунуп.

Ээрге ныктай отуруп Кабырга сөөгү сөгүлүп:

«Кабыланым кайда?» деп,

Санаасы санга бөлүнүп, Кирип келди Каныкей Көзкамандын ордого. Урчу Кудай ошондо Уруп салган кези экен. Кабылан Манас сумсайып, Куруп калган кези экен. Аны көрүп Каныкей

Аккула санын бир салып, Көзкамандар тобуна

Аралап кирди кол салып,

Көзкаман менен Көкчөкөз

Балдары менен ыркырап Качып калды туш-тушка Шап качырып дыркырап.

Жанындагы Акаяр

Айкөл Манас баатырды

Өңөртө салып Канышка, Көзкамандан качырды.

Аккуланын артынан

Көкчөкөз менен Көзкаман

Жамгыр кылып жаа тартты, Мөндүр кылып ок атты. Кетип барат Каныкей

Булчуңун окко булдуруп, Көзкамандын огуна Эмчек этин жулдуруп. Акжоолук башын туу кылып, Аял башын эр кылып.

Айкөлүн өзү куткарды, Мындай эрдик ким кылды!?

Уу ичкен Манас дары ичсе, Ооруган жери басылды, Жумулган көзү ачылды. Байдын уулу эр Бакай,

Аргын кандын Ажыбай,

Акбалтанын Чубагы,

Улак кандын Сыргагы,

Ырамандын Ырчы уулу,

Үзөктөй калпак эр Шууту Кабарды угуп калды эми Качырып колду салды эми. Сырттан Алмаң бакырып,

«Манастап!» ураан чакырып,

Көзкаманга жетти эми, Кара ниет балбанды Көмө коюп өттү эми.

Кайран Бакай абакең

Көктулпарды бир салып,

Кылболотту колго алып, Көзкаманга жеткени, Башын кесип кеткени. Акбалтанын Чубагы

Көкала санга бир салып, Көкчөкөзгө кол салып, Качырып ага жетти эми. Жеткен жерде Чубакең Башын кесип кетти эми.

Кең Таластын боюнда,

Жылгындуунун оюнда

Атпай кыргыз чогулуп,

Канаты карыш жетилип,

Касташкан жоосу кетилип, Алтымыш күнү той болду.

Ууланган Манас оңолду.

КӨКӨТӨЙДҮН КЕРЭЭЗИ

Көкөтөй ооруп,

Ажал тооруп, Кабыргадан кагынып, Кас ажалы табылып.

Акылынан жаңылып,

Как төбөдөн сезгенип,

Шайманы кетип,

Ажалы жетип өлөөрүндө, Бул өтүрүк дүйнөдөн

Чын дүйнөгө жөнөөрүндө,

Биргелешкен тууганы

Баймырзаны чакырып Керээз кылып кеп салды: – Ажалым жеткен окшоду, Аманат жанды копшоду.

Жалгыз балам жаш калды,

Эркелетип эл жүрүп,

Элге кошо мен жүрүп

Бокмурун болуп атагы, Атын жакшы койбогон Атасынын чатагы.

Өлгөнүмдү билдирбей,

Өз малымды бүлдүрбөй,

Кемпирди коюп жаткансып Кедейдин ашы кылгыла.

Эки, үч кара союңар,

Бир, эки кийит кийгизип Эптеп мени коюңар.

Өзөнгө бүтөр байтерек, Өлгөнгө да мал керек,

Өтүрүк чачып не керек

Тиккенден өсөр байтерек,

Тирикке да мал керек,

Ат семирсе жал керек, Атасы өлгөн балага Ар иш кылса мал керек.

Тогуз миң токсон жылкым бар,

Токсон миң беш жүз коюм бар,

Ошончо малды окустан

Жалгыз балам Бокмурун Чачабы деген оюм бар.

Он бир жерге кыз бердим, Ойроттон он бир күйөө бар.

Алты миң сексен сыйыр бар, Адам уулу мал бакмак – Атабыз салган чыйыр бар.

Сандыкка жыйган алтын бар,

Алты ата кыргыз калкым бар, Ааламга кеткен даңкым бар.

Жалгыз балам Бокмурун, Билесиң анын шоктугун,

Баламда акыл жоктугун.

Жашы быйыл он беште,

Ооганда Акун, Түлкү дейт,

Түлкүнүн кызы Канышай

Самаганы, санаасы Оюн менен күлкү дейт.

Ошого балам кетиптир,

Ошондон кайтып келгиче Оңбогон ажал жетиптир.

Көрбөй кеттим баламды, Балам кетип алыска Көңүлгө салды алаңды. Жыйналган бойдон пул калды, Алганым жесир тул калды.

Жалгыз балам Бокмурун

Акылды терең ойлосун,

Бекерден-бекер мүлкүмдү Ааламга чачып койбосун!

Казына оозун ачпасын,

Карк алтынды чачпасын!

Орчун дүйнө бош калды,

Он беште балам жаш калды,

Бай Көкөтөй өлдү деп

Дүнүйөгө даң кылып,

Жердин жүзүн чаң кылып,

Капыр менен мусулман

Койбой баарын чакырып,

Салыңар деп топурак,

Саны түмөн журт келип, Аскер түшүп топурап, Андай түйшүк кылбасын.

Адамдын баары жыйылып,

Ашыма келип калбасын,

Атпай кыргыз журтуна

Азапты кылып салбасын, Жетиген жакка барбасын, Айтып кабар салбасын. Калкы адам уулунун Каргышына калбасын!

Олуя-Ата, Ташкенди,

Оолактан жыйып көп элди,

Орчун Кокон, Маргалаң,

Ойдогу шаар Самаркан,

Бадахшан, Багдат журтуна,

Кыдырып жүрүп айтпасын

Кытай, орус калыкка

Атакемдин өлүгүн

Кийгизем деп барыкка

Кабар салып барбасын,

Кыжылдап жаткан кытайды Чакырып ашка албасын! Атпай кара кыргыздын Убалына калбасын!

Кыргыздар үлгү албасын, Кылган бүткөн өнөрү Кыяматка калбасын.

Көөдөнү тетик уулум бар

Бу бир жалган дүнүйө,

Эртели-кеч үн салып

Келин-кызың, катындар Какшабасын күнүгө.

Сексен төрт келген жашымда

Жетти өлүм башыма, Керээз-кебим укпады Бокмурун туруп кашымда! Кабар айтып ар жайга, Бүлүнүштө не пайда!

Кызыл чоктуу Нескара Кытайдын зор улугу, Ашыгып ага барбасын.

Оюктун боюн жердеген,

Ойроттон киши жеңбеген, Ороңгуга жетпесин.

Ороңгу деген катындыр,

Орою суук капырдыр,

Келип калса ороктоп Түйүп койгон чачынан Чычкандар чыгат сороктоп.

Он эки таман бети бар,

Карт кокодой эти бар,

Кулабээңди байла деп,

Мындай өнөр кайда деп,

Көкөтөй деген бай өттү Кең Түркстан жайда деп, Оолугуп мында келбесин. Атасында бата жок, Айтканымда ката жок, Алп Жолойго жетпесин. Энесинде нике жок, Элде мындай бөкө жок.

Токшукер деген уругу,

Чоюн-Чаңда туругу,

Бозкертикке барбасын.

Солобонун Соорондук

Чоң Бээжиндин баатыры,

Согушканын соо койбос Чоң улук эле акыры,

Ага да өтүп албасын.

Кан Алооке кары бар,

Адамын арбын баштаган,

Атышаар жоодон шашпаган Алоокенин кыйыны – Коңурбайга барбасын.

Уругу кытай журтунан

Узап өтүп ушундан

Кабар салып кайтпасын,

Кан Көкөтөй өлдү деп

Аралап акыр өтпөсүн,

Күн батышка кетпесин, Желпинишке жетпесин.

Медине, Мекке жерине,

Беш дүркүм арап элине,

Байгамбардын оолаты,

Мазабыл кары өз аты,

Төрөсүнө барбасын,

Көкөтөй деген бай өттү,

Урматын көргүн жүрү деп Айтып кабар бербесин, Андан өтүп келбесин.

Оролдун ою конуш бар,

Он эки тайпа орус бар,

Баатыры да, балбаны

Бар ишин колго алганы,

Басташып келген душмандын Баарынын чыгат далдалы.

Айтып кабар салбасын, Атпай кыргыз уулунун Азабына калбасын!

Басып өтүп келбесин

Бадакшан менен Балыкты, Башкы атасы бир бөтөн

Бары тажик калыкты,

Айтып кабар бербесин, Азабы журтка келбесин! Орто-Чаткал жердеген,

Ойротко тизгин бербеген,

Ок өткөзбөстөн тон кийген

Буудайык уулу Музбурчак, Ага өтүп албасын, Күн жүрүшкө салбасын.

Татым кыйын, тузу арзан,

Жайы кыйын, кышы арзан,

Кыпчактардын кыйыны,

Кыйрынан кетпейт жыйыны,

Элеман деген байы бар,

Ургаачысы кийгени

Торгун, тубар, шайы бар, Эр Төштүккө барбасын, Ага да кабар салбасын. Кең Таласты жердеген,

Каары катуу эр деген,

Кармашып душман жеңбеген,

Нурку жери Таласка,

Улук баатыр Манаска Кан Көкөтөй өлдү деп, Айтып кабар бербесин.

Ашын бийлеп сен бер деп

Аны мында келтирип,

Азганакай журтума

Азапты арбын жеткирип,

Эр Манаска айтып кеп,

Акыры кылган Кудайы

Акыретте пайда деп,

Манаска айтып андай кеп, Чоролорун наалытып Кабарын айтып өтпөсүн!

Кырк чоро келип ашыма Дардалаңдап көппөсүн!

Көңүлү жакын эр эле,

Ашыма келип кан Манас Көптүрбөсүн өпкөсүн!

Кылымга чечен үлгүлүү

Кыпчактардын Үрбүсү

Эгиз кара ат байлатып,

Элин сыртка жайлатып,

Көкөтөйдүн ашы деп,

Көрүүгө сонун ушу деп,

Көңкү капыр, мусулман

Кудайы ашка жыйылып

Кубанар кези ушу деп, Чакырчууң андан өтпөсүн!

Сары Арканы жайлаган,

Сан казагын айдаган,

Салышкан жоодон тайбаган,

Айдаркан уулу Көкчөгө,

Чакырдык, ашка келгин деп Бербесин кабар казакка, Салбасын журтун азапка. Жанымдагы Баймырза, Салдыңбы кулак абаңа? Болгон сөздүн баарын айт Бокмурун деген балама. Мурункулар айткан кеп: «Бир адамдын ырыскы

Бирөөгө ырыс болбойт» – деп. Баштагылар айткан кеп:

«Башка адамдын дүйнөсү Башкага дүйнө болбойт»,– деп.

Бул сөздү айтып Көкөтөй

Көк түтүнү бур этти,

Көкүрөктөн жан кетти, Көз алдында тургандар Аргасы жок чур этти.

Бокмурун келди өкүрүп, Жаныңда болбой калдым деп Буркурап ыйлап өкүнүп:

– Акырет атам кеттиңби?!

Айланып мени бир көрбөй Армандуу бойдон өттүңбү?!

Укпадым урмат кебиңди, Узактан барып келгенче Уу ажал тапты эбиңди!

Укпадым керээз сөзүңдү,

Ажал торгоп өзүңдү,

Тириликте көрбөдүм Атакем, сенин көзүңдү!

Бокмурун ыйлап болкулдап, Сууга салган чыбыктай Тула бою солкулдап.

Кеңгиреди кары-жаш

Кең Ташкендин калаасы, Кейибеген киши жок Өңкөй кыргыз баласы: «Жөө болгонго ат эле, Залимдерге жат эле!

Ач болгонго аш эле,

Өзүбүзгө көп күйгөн Кыргыздын анык башы эле! Кейиште төккөн жашыбыз, Кеттиби кыргыз башыбыз!?

Үшүгөнгө тон эле,

Ушу жалган дүйнөдө Дүнүйөсү мол эле.

Мүнүшкөр болсо куш эле,

Бүлүнсө кыргыз балдары

Качырганын куткарбас

Карчыга кара куш эле,

Канзаадабыз ушу эле!»

Бул сөздү айтып буркурап, Албан түрдүү кара журт Айгай салды чуркурап.

Жыбырап жылдыз толгондо,

Түн жармысы болгондо

Кара сакал Баймырза Олтургузуп баланы, Ойдогу сөзүн салганы:

«Өлгөнүмдү билдирбей,

Өз малымды бүлдүрбөй

Кемпирди коюп жаткансып,

Кедейдин ашын кылгын деп,

Атакең кетер алдында

Керээзин айтты мага кеп,

Айтып койсун сага деп

Зөөкүрдүк кылып Бокмурун,

Казнаны бекер ачпасын,

Агар алтын, ак күмүш

Дүнүйөмдү чачпасын!»

Ушундай атаң  айтты го, Атакең айткан керээзи Адам укпас кеп болду!..

Какшыгыбы, чыныбы

Түшүнбөдүм! – деп койду. Кемпирди коюп жаткансып, Кедейдин ашын бер, деди. Бокмурун муну укканда, Көзүнүн жашы он талаа. Көкөтөйдүн керээзин Өзүнчө билди жаш бала:

«Кемпирди коюп жаткансып

Кедейдин ашын кыл десе,

Мени кантээр экен деп

Сынап айткан турбайбы

Дурустап ашын бербесем, Арбагы мени урбайбы».

Атасына аш бербей Битирленчү мен белем, Башкалардан кем белем?

Алтайдан Манас чыкканда, Кабарын атам укканда

Каршы чыккан Пануска

Жөлөк болгон Манаска,

Тезирээк жетип барайын, Атакемдин керезин Эртелеп айтып салайын!

Кызматын алса атамын

Ичинен тынар санаасы, Атам дагы, а дагы Атактуу кыргыз баласы!

Деп ойлонуп Бокмурун

Эртеси, жок кечинде,

Күн эңкейген кезинде

Мааникер минип алганы, Таласты көздөй бет алып Камчылап жолго салганы. Жебенин огун аткандай

Ар кырга барып бир тийип,

Сом туягы жер чийип,

Созулуп жаанын огундай, Барып калды Бокмурун.

Жайдары жаткан Манаска:

– Атым менин Бокмурун, Атам өлгөн кезинде Айлымда менин жоктугум! Келсем атам өлүптүр,

Күйгөн шамым өчүптүр,

Акыретке жөнөөрдө Айткан экен атакем Эр Манаска баргын деп!

Досума кабар салгын деп!

Кабарга Манас бук болду, Кайгырып ичи чок болду: – Кызыр чалган Көкөтөй Атамдан жакын киши эле.

Көкөтөйдүн көк туусун

Эмитен балам, аштагын,

Зор Көкөмдүн ашына

Эмитен ишти баштагын,

Эртелеп кабар салдыргын Тегеректин баарына.

Ооганыстан, Кытайга,

Орусия, Букарга Баарынын борбор шаарына Кабар бергин баарына! Ар тараптан эл келсин Кан Көкөтөй ашына.

Келгендер өзү көрүшсүн

Бириккен кыргыз элинде

Кандай күч бар экенин,

Душмандар окус кол салса

Коргорун өз мекенин,

Көрүп калсын келгендер Кырк чоронун өнөрүн. Душмандар окус кол салса Бири калбай өлөрүн. Кан Көкөтөй абамдын Кызматына даярмын.

Кабар берсең Таласка

Ашына келип калармын,–

Көңүл айтып, кан Манас Баланы жолго салды эми. Ыраазы болуп Бокмурун Ташкенге жетип барды эми.

* * *

Кан Көкөтөй өлгөндө,

Калк чогулуп көмгөндө, Калайыктын баары бар. Ошолордун ичинде

Баатыр Кошой дагы бар.

– Айланайын, абаке!

Кеңири жерди таба көр!

Аш берүүчү жерибиз

Кеңдигине жараша

Мейманга салам тамаша! – Абаң Кошой карыя Кеңешин берди балага: – Атактуу жайлоо Каркыра, Артыкча кенен жер,– деди. Керилген Кеген суусу бар. Той берип, ат чаптырып, Тамаша салчу жер,– деди.

* * *

Туп-туура бир жыл толгондо,

Аш берер маалы болгондо

Көкөтөйдүн Бокмурун

Айчык алтын көк тууну

Асмандатып аштатып,

Көкөтөй зайбы Күлайга

Көчтүн алдын баштатып,

Алтымыштай катынга

Тындырбай кошок айттырып,

Абышка, балдар мал айдап, Туш-тушунан чабуулдап, Көч баратты жер жайнап. Көкөтөйдүн ордосун Каркырага орнотту. Үч жүз миң тиккен үйү бар, Үч ата уулу бийи бар.

Үзүгүнүн баарысын

Ак манат менен тыштаткан, Көрбөгөндүн баарысын Көз жоосун салып караткан. Бокмурун эми кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат:

– Коросон оттук чактырам.

Кара кытай, манжууну, Кайнаган калмак урууну Калтырбастан чакырам! Теңсинбесе өзүмдү,

Тескери алса сөзүмдү, Кармап түшөм кара туу, Калкына салам ызы-чуу! Атакемдин ашында,

Башкарат Манас өзү,– деп

Бокмурун элге жар салды, Билип койгун муну,– деп Барбалаңдап мактанды.

КАБАР  БЕРҮҮ

Көкөтөйдүн Бокмурун

Жаш Айдарга кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

– Жайма көкүл жаш Айдар,

Мааникердей тулпардын

Атбороюн сыдыргын, Ай-ааламдын баарысын Кабар берип кыдыргын!

Кең Үргөнчтүн шаарына, Кең Оогандын айлына, Көрүнгөн журттун баарына:

«Көкөтөйдүн Бокмурун

Үч-Каркыра конду – де,– Көкөтөйдүн чоң ашын, Берээр кези болду» де!

Деп ошентип Бокмурун

Мааникерди мингизип,

Бадана тонду кийгизип, Жаш Айдарды чаптырды.

Астындагы Мааникер

Бокмурундун өз аты

Бир жумадан бир жума

Барган сайын кызыган

Мааникердин адаты,

Сексен күнү чуркаса Күчөй турган мал эле. Айланса дүйнө жүзүнө Арыктабас жан эле.

Көкөтөй ашы болот деп, Кытайга кабар жеткенде.

Манжуунун ханы Нескара

Коңурбай менен Жолойду Ордосуна чакырды:

– Көкөтөйдүн ашына Манастан мурда баралы. Каркыранын жайлоосун

Айлана курчап алалы,

Манас бизди кордосо,

Туш-туштан чыгып колоттон

Кыргызга кыргын салалы,– Деп кытайлар сүйлөштү, Жай-жайына жөнөштү.

Көкөтөйдүн ашына Туура беш күн калганда Көз жетпеген кол келди. Кытай, манжуу, калмагы Аралашып мол келди.

Каканчынын калдайы Коңурбай келди талашка. Манжуулардын Нескара Ал да келди бул ашка.

 

НЕСКАРАНЫН МААНИКЕР АТКА КӨЗ АРТКАНЫ

Келберсиген Нескара Эл аралап жүрдү эми.

Каркыранын сайында

Кабылан Манас баатырдын Жок экенин билди эми. Коңурбай менен Жолойго Өзүнүн кебин айтты эми: – Манасы ашка келгенче Эселек кыргыз – буруттун Кемегесин  талайлы.

Келгендерин сабайлы. Малынын баарын чогултуп Кытайды көздөй айдайлы. Тепсейли бул конушту! – Конурбай менен чоң Жолой Бул кепке макул болушту. Күлүктөрдүн ичинен

Мааникер атты көргөндө,

Нескара каары төгүлүп Жеп ийчүдөй көрүнүп, Бокмурунду чакырды:

– Мааникер тулпар атыңды

Мага бер! – деп бакырды. – Он эки түмөн колум бар, Коңурбайдай эрим бар!

Буруттан алаар кегим бар! Сөзүмөн менин качпагын, Аш берем деп шашпагын!

Бул ашыңа турбаймын,

Мааникер албай тынбаймын! –

Нескара антип турганда,

Көрүнө зордук кылганда,

Жүрөгү түшкөн Бокмурун

Кошойго жетип барды эми, Арманын айтып калды эми: – Көкөтөйдүн көп дүйнө, Атам тилин албастан, Чачканы келген экемин! Казылган орду байкабай Басканы келген экемин! Тирүүлөй көргө баш салып, Жатканы келген экемин!

Кара кытай, манжуудан

Ажалдан мурда арманда Өлгөнү келген экемин. – Кан Кошой айтты балага:

– Кечикпестен Таласка, Кабар жеткир Манаска!

«Кечикпей Манас келсин – де,–

Карайлап турган кыргызды Кара кытай, манжуудан Ажыратып алсын» де!

Акылга бай алп Кошой

Мааникерди мингизип,

Арстан төрө Манаска Түн ичинде Айдарды Чаптырып ийди Таласка.

Жайма көкүл жаш Айдар

Бадана сындуу тон кийип,

Мааникер сындуу ат минип,

Арага түнөп калбастан,

Өрүгүп тыным албастан Жетип барды Таласка.

Нескаранын жоругун Айтып берди Манаска.

«Журт куруган экен» деп,

Кабылан Манас айкөл эр Аккуланы токуду,

Аттанып кыргыз толкуду.

Ажыбай, Бакай эрендер,

Алманбет, Чубак эгиз эр,

Серек, Сыргак тегиз эр,

Найза салаар ыктуусу,

Айбалта чабаар мыктуусу,

Бардыгы толкуп алыптыр, Ашка жөнөп калыптыр.

 

МАНАСТЫН  АШКА КЕЛГЕНИ

Кызыл кыя кезеңден Кымбат Манас кымпыйып, Көрүнүп калган кези экен. Кыйноого түшүп кыргыздар Көлкүп турган кези экен. Каркырага эр Манас

Кырк чоро менен барганда,

Алдынан чыкты хан Кошой Жаш баладай бышактап Хан Манасты кучактап: – Көкөтөйдүн ашына Өлгөнү келген экенбиз. Көргүлүктү  кытайдан Көргөнү келген экенбиз.

Кара кытай, манжуунун Албан түрлүү эри бар,

Эзелтен бери кыргыздан Алалбай жүргөн кеги бар.

Бейпайды салып бул ашта

Бет алышаар жери бар. – Аркасынан Бокмурун Кошула сүйлөп калганы:

  • Ат Мааникер күлүктү

Сурап жатат Нескара, Мааникерди бербесем, Салганы турат бүлүктү.

  • Бир ат үчүн жоолашпай,Мааникерди бергин,– деп Хан Үрбү айта салганы.

Аны укканда, Манастын

Каары келе калганы,

Толгомо түшкөн чоң камчы

Оң имерип алганы,

Обдула түшүп Үрбүнү

Оройго тартып калганы.

Жаак жарылды, кан акты.

  • Э, кокуй эмне болду? – депОртого түшүп эр Кошой

Манаска катуу кеп айтты:

  • Не болгонуң, эр Манас?!Жакшыны жакшы билбейсиң, Жаманды көзгө илбейсиң! Улгайганда, айкөлүм,

Минтип жүрсөң, катыгүн, Эмине болуп калгансың? Коюп жүргүн, кокуй күн, Бу пейлиңди, Манасым! «Манас, Манас» дегенге, Барбая түшөт экенсиң.

Үйлөп койгон чаначтай,

Дардая түшөт экенсиң! –

Эр Кошойду кыя албай,

Кышкы кирген буурадай, Айбатын басып деңгиреп, Ачуусун жеңип зеңгиреп, Арстан Манас кеп айтты:

– Мааникер алса бу күндө, Кырыңа чыгат! – деп айтты. Эртеңки күндө эсирип, Аккуланы албайбы!

Аркы күндө дардайып, Керкабылан атыңа Суук колун салбайбы! Өкүлдөсө бул кытай, Өлүмдөн качаар жаным жок!

Душманга тартаар малым жок! –

Деп ошентип эр Манас

Заары көздөн төгүлүп,

Сырттандык сыры көрүнүп,

Аттын оозун бурду эми,

Аралап барып, кытайды Каарланып турду эми:

– Алуучу душман сен эмес, Алдырчу кыргыз мен эмес.

Коркутаар кытай сен эмес, Коркоор Манас мен эмес!

Сыйлап ашка чакырсак, Сыйрышканы келипсиң.

Сыртыңды салып сен, Жолой,

Кыйратканы келипсиң! – Каарды Манас салганда,

Калмак менен кан Манас,

Чатакташып каларда,

Кытайга салып жаңжалды,

Уйгу-туйгу түшүрүп,

Түбүнө чогуу жетээрде,

Кара калмак, кытайды

Түгөл кырып кетээрде, Эр Коңурбай, Нескара Аттан түшө калганы.

Эр Коңурбай ошондо Мойнуна камчы салганы:

– Ашыңа келип, күч кылып, Айыпкер болуп калыппыз.

Бул айыпты кечиңиз, Кечпес болсоң айыпты, Мынакей, башты кесиңиз!

Таш сайынган калмактын

Төрөлөрү ошондо

Тизеси жерге бүгүлдү, Эсенканын көргөндөй, Эр Манаска жүгүндү.

Калмак, кыргыз теңдешип,

Кайра баштан элдешип,

Бузук кепти ташташып,

Тамаша кептен башташып,

Журт ошентип турганда, Көкөтөйдүн Бокмурун

Күүгө келип калыптыр, Кайра баштан тирилип, Тилге келип калыптыр.

Ойго-тоого Мааникер Жүгүргөндөй болуптур. Өлүп калып, кайрадан

Тирилгендей болуптур.

 

АТТАРДЫ ЧУБАТУУ

Ал күнү антип жатканда

Эртеңки таң атканда,

Көкөтөйдүн көк туусу Көкөлөдү калкылдап, Көк асаба жалтылдап.

Келген журттун баарысы Аттанып калды шаркылдап.

Карап турсаң көпчүлүк Кара курттан мол болду.

Көкөтөйдүн өлгөнү Көп адамга той болду.

Баш байгеге сайганы Эки миң жылкы, миң атан,

Тогуз миң тогуз уй болду.

Эсебин малдын алалбай Эл жакшысы буй болду.

Экинчи аттын байгеси Беш жүз атан төө болду.

Башкарып баарын иштеген Баба Кошой дөө болду.

Үчүнчү атка сайганы Үлкөн кылды байгени.

Эки жүз элүү атан төө, Төртүнчү атка беш жүз кой.

Акең кыргыз тукуму Өлүп калган кишиге Ушундай берген улуу той!

Калкка сөзүн айтмакка,

Кабар берип кайтмакка

Ырамандын ырчы уул,

Айтаар сөзү токтуу кул, Эл кыдырып жар салды:

– Атыңа жабуу жабыңар, Аркы-терки чабыңар! Тулпарың болсо тердеткин, Суутуп, таптап дегдеткин! Саяпкер, муну билесиң

Атың чыгып келген жан Кадыр түнгө киресиң!

Кадыр түнүң ушу деп

Эртең атың айдалат

Ат тердетер тушуң! – деп Кабар салды жарчысы. Камынды журттун баарысы, Жашы менен карысы. Өркөчү бийик, зээри бас, Өкүм күлүк бир канча.

Өөдө жерден ноюбас,

Токсон күн минсе жоорубас Аргымактан бир канча.

Кара байыр, казанат

Калбыр өпкө, жез канат Каса тулпар андан көп.

Абайы үртүк жаптырган,

Аземдүү тумар тактырган Аргымактан бир канча.

Адамдар жүрөк дегдетип, Аттарын бүгүн тердетип, Чапкылады көпчүлүк. Саяпкерге көп түлүк.

Ат тердетип болуптур Талапкер атты санаса Эки миңге толуптур.

Байгесине Көкөмдүн

Баары чыкса жулунуп,

Ат чапкан жолду бубар деп,

Жол талашып көпчүлүк,

Бул элди Кудай урар деп,

Туюктап алып жол бербей,

Тулпардын баарын кырар деп, Алманбет жайга киргени.

Нурку асылы Кытайдан

Өнөр алган ар жайдан,

Касийдадан кат окуп,

Кара дуба жат окуп,

Кытайча дуба бат окуп,

Сурданып Алмаң калганы, Сууга жай таш салганы.

Ачып көздү жумганча,

Өз атын жаап тынганча

Жаканын баары жамгырлап, Мөндүр түштү дабырлап.

Туурадан туман дүркүрөп,

Асманда күн күркүрөп,

Каптап келген аязга

Тердеген аттар зиркиреп,

Дыбырап түшүп мөндүрү,

Аттардын көбүн ал түнү

Ээлери жакшы жаба албай, Жапкандын эбин таба албай, Үшүтүп аяз өлтүрдү.

Эртеңки таң атканда,

Көкөтөйдүн көк туусу Көтөрүлдү асманга. – Ат чубаткын! – дегенде, Адамдын баары дуу деди.

Түркүн-түркүн болушуп,

Дүнүйө жүзү толушуп, Орчун кара кол болду, Ортосу көчө жол болду.

«Ургаачы жолу улук – деп,–

Өзү  каңгай урук» деп, Ороңгунун Кулабээ Чубатууга чыгыптыр.

Анын арка жагынан

Алтындап тумар тагылган

Манастын аты Аккула Жайына келип алыптыр.

Аккуланын артынан Чаткаягы чаткалдай

Чатына киши баткандай, Жолойдун аты Ачбуудан Чубатууга салынган.

Аккула менен Ачбуудан Ко¸ндой окшош мал экен.

Ачбуудандын артынан

Бозкертиктин Бойтору,

Анын арка жагынан

Мурадылдын Кылжейрен,

Музбурчактын Телкүрөң,

Эр Төштүктүн Чалкуйрук,

Эр Кошойдун Чоңсарат,

Үрбү чапкан кош кара ат, Көкчөнүн аты Көкала, Ат чубаткан кең талаа.

Кебез белбоо, кең өтүк, Кечилдин каны Коңурбай:

– Ала көөдөн Манасты

Аккула чапса көрөм! – деп,–

Ал өңдөнгөн буруттун

Сайышып канын төгөм! – деп,

Жыйып кытай тууганын,

Амал кылып чубатты Алгарага окшогон Башка кара бууданын.

Ат чубатып болуптур,

Чабууга келген аттардын Үшүктөн тирүү калганы Санаты миңге толуптур.

 

ЖАМБЫ  АТЫШ

«Эл эригип калат – деп,–

Сегиз күндө ат келет,

Бекерге кантип жатсын – деп,– Белсенип жамбы атсын» деп,

Каркыранын карагай

Узунунан кыйдырган Устундан миңди жыйдырган.

Түбүнө түркүк буратып,

Алты жүз шыргый асманга Чыгарып ийген улатып.

Кырк эки танап жамбыга

Болот зым боосун улатып,

Сары алтынды боо кылган,

Көргөндүн көзүн жайнатты,

Шыргыйлардын учуна

Алтын, каухар байлатты. Ал жамбыны карата

Мылтыктары короктоп, Берендер чапты сороктоп. Мээлеп жамбы аткандар

Албан түрдүү элден бар,

Атканы жазбас мерген бар, Кыйындардан кыйла бар. Калмак, кытай, кыргызы

Алмак-салмак атышты, Көкөтөйдүн жамбыны Түшүрө албай жатышты.

Кебез белбоо, кең өтүк

Кечилдин каны Коңурбай

Керилип жааны тартты эле, Кебелген жок бул жамбы. Манжуунун каны Нескара Бакырып атып жиберди. Огунун кайда кеткени Тегеле көзгө кирбеди.

Кара кытай буркурап, Кайтадан атты чуркурап, Козголгон жок бул жамбы. Калмактар атты кайталап, Жолой атты, тийген жок. Аткылай берип баарысы, Ок-дарысы калган жок.

Кабылан Манас турду эми, Кызыл алтын доолду Тарс дедире урду эми.

Манаска жолдош кырк баатыр Мылтыктарын октоду, Баары милте чоктоду.

Карап турган Кыргылчал Кары бою тебетей Кайытып көккө ыргытты.

Асмандай түшүп тебетей

Кайра келе жатканда,

Кан Бакай тосуп атканда, Жерге жетпей тебетей Кайра кетти асманга.

Тебетейди кырк чоро

Түк келтирбей жер жакка Асманга атып токтотуп, Түшүрбөй турду далайга.

Арстан Манас баатыры

Эл айраң-таң болгондо,

Кагып доол салганы,

Чоролор атпай койгондо, Тебетей түшүп калганы. Тарс дедире дагы да Манас доол урганы.

Жанындагы чоролор

Тепе-тең төрткө бөлүнүп, Төрт тарапка турганы, Төрөсү доол урганы.

Бозжорго аты теңселип, Агала сакал сеңселип,

Качырды Бакай Кыргылды.

Бакай канды бет алып, Баатыр Кыргыл качырды.

Бакайдан найза жеткени,

Кыйынсынган Кыргылчал Кырданып аттан кеткени. Сарала атты моюндап, Алманбет баатыр жеткени.

Бөрк эңгендей Кыргылды

Атына коюп кеткени, Абакеси Бакайды Аңтара салып өткөнү.

Аркасынан Ажыбай Алманбетке жеткени, Кулата сайып кеткени.

Жетип келип эр Бакай

Улак эңген эмедей

Алмаңды эңип алганы, Атына ко¸ салганы. Ушинетип чоролор

Бирин-бири кулатса,

Оюн куруп сулатса,

Беркиси атка мингизди, Маштыгын баары билгизди.

Кылычты кындан чечишти,

Кыйкырышып жетишти,

Шилтесе кылыч моюнга

Тийгизбестен чабышты, Денелерин чийгизбей, Кылычка кылыч кагышты. Кырк баатыр баары мыкты экен Түрдүү оюн салганы.

Түш эңкейген бешимде Жамбыны эске алганы. Карс дедире эр Манас Доолду катуу урганы.

Шыргыйда бийик жамбыны

Кезме-кезек атышты, Кезектешип жатышты.

Бозжорго атты чайпалтып, Бакай жетип бир атты, Бир танабын кыя атты.

Карткүрөң менен ойнотуп,

Аргын кандын Ажыбай,

Ажыбай жетип бир атты, Бир танабын кыя атты.

Айсарала ат минген,

Сары жаргак шым кийген

Алманбет жетип бир атты, Бир танабын кыя атты.

Көк ырапыс тон кийген,

Көкала сындуу ат минген Чубак жетип бир атты, Бир танабын кыя атты.

Атка жеңил, тайга чак

Улаккандын эр Сыргак,

Сыргак жетип бир атты, Бир танабын кыя атты. Жашы менен кары атты, Чоролордун баары атты. Түшпөчүдөй бул жамбы, Турган элди тажатты.

Арбагы бийик, опсуз эр

Айкөлүң жөнөп калганы,

Минген аты Айманбоз,

Жеткен жерде жамбыны

Аккелте менен бир атты,

Танабын түгөл кыя атты, Жамбыны жерге кулатты!

Көктөн түшкөн жамбыны

Манас алып кеткени, Алп агасы Кошойго Тартуу кылып жеткени.

Жамбыны Кошой алган жок:

– Тырмак алды байгеңди. Ырымдап өзүң ал – деди.

 

КОШОЙ  МЕНЕН  ЖОЛОЙДУН КҮРӨШҮ

Көкөтөйдүн көк туусу

Көтөрүлдү калкылдап, Ырамандын Ырчы уулу Жар чакырды баркылдап: – Уюп жаткан көп элдин Бири арманда калбасын, Балбандан балбан тандасын!

Жыкканы байге алсын! – деп,– Жыгылган куру калсын! – деп,

Айтып айгай салганда,

Жар чакырып турганда, Кара кытай, калмактар Дарбый түшүп жазылды.

Ошондо көрдү көпчүлүк Оңбогон Жолой баатырды. Баары журту баалаптыр, Балбанга аны каалаптыр.

Алты батман буудай жеп,

Дан жыттанган чоң Жолой,

Алтымыш алпты бир союп,

Кан жыттанган чоң Жолой А дедирбей майданга Басып чыкты чечинип. Туурасы жоон, бою пас, Дулдугуй бет, өңү саз. Комдонуп жаткан жолборстой Маңдайында кашы бар!

Козголуучу дөө эмес, Чоң казандай башы бар. Артына түшкөн айдары Кыл чылбырдай чачы бар.

Кырк-элүүнүн ичиңде Кызталактын жашы бар. Көз чуңкуру Жолойдун Терең казган ороодой. Көзүндөгү чылпагы Чокчо табак шородой. Арка жагын карасаң, Ат жарышчу талаадай. Эки көзү балбылдайт Токойдун жалын өртүндөй. Эки бети чунактын Чоң катындын көтүндөй.

Калмак, кытай, манжуу журт

Өз дининче окунуп,

Батасын кылды чокунуп, Күн чыгышты бет алып, Тундурду кулак отуруп. Кыргыз, казак, башка элден Талапкер киши чыкпады. Балбансынып жүргөндөр Далдаланып ыктады. Кыргыздын Кошой балбаны Эрлерден эрди тандады:

  • Чечинип азыр чыккын! – деп,Жолойду барып жыккын! – деп, Баарына бирден барганы. Айтканын эч ким укпады, Балбанга бирөө чыкпады.

Аксур менен теңселип, Ак сакалы сеңселип, Салып Кошой барганы.

Сандыргалуу эр Манас Салам айта салганы, Абакең алик алганы:

  • Кабылан, өзүң эр элең,Кайратың ашык шер элең!

Сен түшпөсөң балбанга,

Кандай адам батынат Дардайган Жолой айбанга! – Бул сөздү угуп эр Манас Мукактана калганы: – Кол-буттан чалып жыгууга, Эзелтен жөөгө жок элем. «Олжосуна кызыгып, Манас өзү чыкты» деп, Ушак сөзгө калаармын. Жолойго киши жолорбу, Жолосо да, оңоорбу!

Жолой деген чоң доңуз,

Карыдым деп коркпоңуз Кан абаке, күрөшкө, Өзүңүз чыгып көрүңүз.

Келбесе кокус көөнүңүз,

Калмактарды дардайтпай,

Байгесин берип бөлүңүз! – Бул сөздү угуп эр Кошой Намыстанды өзүнчө:

– Атаганат, дүнүйө,

Жашаган сайын шайманың Бошойт экен күнүгө!

Бабаң Кошой жаш болсо,

Жолой чыкса жолуман, Башы таштан болсо да, Соо кетпес эле колуман.

Абаңдын жайы кеткенде,

Сексен бешке жеткенде,

Кабылан, шагың сындырбайм, Сөзүңдү эки кылдырбайм. Карысам да, тобокел, Тобокелге салайын. Талашып көрөм намысты, Аябай таштап арышты. Бирок сага айтаарым:

Катыным чоркок жан эле,

Арык эчки териден

Чала ашатып шымымды

Калдыр ийлеп салды эле. Арбак урган дөө Жолой,

Ат көтөрбөс жөө Жолой Алаасынан албасын, Айра тартып салбасын. Так ошондо абаңдын Абийири кетип калбасын!

Тартып көрсө, чоюлган,

Ко¸ берсе, жыйылган,

Күчкө салса, айрылбас

Кандагай калкта барбы? – деп, Карыя Кошой айтты кеп.

– Каныкейдин колунан

Кандагай шым чыккан – деп,

Бура тартып эр Манас

Көрпөчөнүн астынан,

Көмкөрө ээр үстүнөн

Кандагай шымды алганы, Кошойго бере салганы.

Аттан түшүп Кошой дөө,

Кандагайды алганы, Оң жак бутун салганы, Балтыры батпай калганы. Сол жак бутун салганы,

Согончок өтпөй калганы.

Аны көрүп эр Манас:

  • Шымың менен кургун! – деп,

Акырайып Канышка

Кандагай серпип салганы. Атемир кызы Каныкей

Аркардай таңын кылайтып,

Ак тамагын булайтып, Ээрчиткени кырк келин, Акырын айтты ал кебин:

  • Капаланба, ойронум,

Алты жыл тынбай тиштедим, Кыз-келин тигип жатканда,

Алты сөөм, төрт эли Багалектин учунан, Капшырып тигип койгомун.

Алманбет, Чубак эки шер Тамандашып тартсынчы, Бүктөөсүн шымдын жазсынчы.

Айтканындай эки шер

Тамандашып тартканда,

Дыр этип шымы сөгүлдү, Кандагайдын багалек Кең экени көрүндү.

Абакең Кошой карыя

Кийип алса кандагай

Баптап койгон немедей,

Май куйрукка май куйрук Чаптап койгон эмедей. Баатыр Кошой карыя Олуя заада келиндин Ишмерлигин көрдү эми. Көрүп алып жактырып, Ыраазы болуп турду эми.

Баатырдын зайбы Каныкей

Тизеси жерге бүгүлүп,

Калк атасы Кошойдун Алдына келди жүгүнүп. Капкайда сермеп көңүлүн, Сынады Кошой келинин:

– Ай, Каныкей, садагам, Телегейиң тең экен, Он эки мүчөң кең экен. Кайраты кыйын, заары күч Шерди туучу неме экен.

Сөөмөйү алтын уз экен, Касиеттүү Манаска Кадыр түндүн өзү экен.

Телегейиң тең болсун,

Теңиз Манас тукуму Атасындай шер болсун!

Казылышкан душманын

Өгөөлөсүн темирдей,

Акыры туусаң эркек уул,

Аты болсун Семетей! – Теңирден тилеп, кол жайып, Кошой бата бергени. Кытай, калмак, көп манжуу Кошо бата бергени.

Кылымдын Кошой балбаны

Ак сакалы сеңселип,

Нар буурадай теңселип, Аста басып барганы Алышууга белсенип.

Олтурган Жолой олчоюп,

Олут алып соксоюп,

Ооздон оту буркурап,

Көздөн жалын шыркырап,

Ордунан турду «күр» этип, Аны көргөн адамдын Бүткөн бою «дүр» этип.

Кошойду кордоп кеп айтат:

– Компойбой калгын! – деп айтат. –

Кара сакал агында,

Карууңдун кеткен чагында,

Казаң жакын табында,

Ажалыңдын жеткени,

Абийириңдин кеткени, Кетпегенде неткени!

Атым менин Жолойдур,

Жолойго киши жолоорбу, Жологон пенде оңоорбу!

Бир башыңда, Кошой чал,

Миң жаның болсо, ко¸мбу! Каныңды ичсем, то¸мбу!

– Оболдон бери, Жолоюм,

О¸ жүргөм көзүңдү, Ойрондоп жүргөм өзүңдү! Аркы-терки салышып, Алып жүргөн мен элем, Алдырып жүргөн сен элең. Алың жетсе, мына! – деп, Кошой тосту билегин. Билектен Жолой тутканы, Колун Кошой булкканы. Бир булкуу менен Жолойдон Билегин сууруп алганы. Жолойду анан эр Кошой Шап билектен кармады. Эки жулкуп, эр Жолой Эптеп сууруп алганы.

Шыпырылып кол тери Кошойго кетип калганы.

Намыстанып чирешип,

Акырек менен тирешип,

Согончок тийген жерлерин

Түп-түз кылып жирешип,

Караган эл таң болду,

Кара тозоң чаң болду, Чаң жашырды сан колду. Алышып жүргөн эки дөө

Бирин-бири жыга албай

Жыбырап жылдыз толгондо,

Түн ортосу болгондо,

Жолойдун үнү күркүрөп, Доошун уккан пенденин Жон териси дүркүрөп. Кыргыз журттун баарысы Үмүтүн үзүп ошондон:

«Майданда балбан Кошойдон

Не үчүн чыкпайт доошу? – деп, Кобурашып чочулайт,

Кошойдун шайы бошпу…» – деп.

Түн ортосу кеткенде,

Таң жакындап жеткенде,

Кошойдун үнү карк этип, Доошу чыкты барк этип, Кыргыздар кетти сүйүнүп.

Жолойдун колу кандай уу!

Абакеңиз Кошойдун

Жонундагы баягы Уюп калган сары суу Боюна тарап кетиптир. Аткып Жолой жүрүптүр, Ары-бери сүрүптүр. Абакеңдин соорусу Кармаганын сүйүптүр.

Күн обого толгондо,

Жалган түш жаңы болгондо,

Алышып жүрүп абаңыз

Көзү илинип бүлбүлдөп, Көшүп кетип үргүлөп,

Уйкуга бабаң кириптир, Ушуну Жолой билиптир. Абакеңиз Кошойду Алпарып ташка урууну Көөнүнө Жолой алыптыр. Кайран абаң Кошойду

Көтөрүп жонго салыптыр. Калың кыргыз буркурап: «Карангүн, Кошой өлдү!» деп, Кыйкырып ийди чуркурап. Көрө салып эр Манас

Айгай салып акырды:

– Абаке! – деп бакырды. Кошой абаң кулагы Манастын доошун чалыптыр. Ачса көзүн акыры, Ачканда келди акылы.

Ташка урууга баатырды Жолой даяр калыптыр.

Карыя абаң Кошойдун

Кайраты толуп кеткени, Аягы жерге жеткени.

Артылып колун салыптыр,

Дөө Жолойдун шымынын

Кашатынан алыптыр, Тоодой Жолой балбанды Томкоруп жерден алганы!

Көтөрүп жерге урду дейт, Көпчүлүк көрүп турду дейт!

Басып Кошой калганда,

Башынан аттап алганда,

Күрмө кийген манжуунун

Күчтүүлөрү күркүрөп,

Таш сайынган кытайдын

Төрөлөрү дүркүрөп,

Калмактардын Ылама, Ызаланган каңгайдын Ар-намысын сураба:

– Басып алмак бар деген, Баш аттамак жок деген!

Көтөрүп урмак бар деген, Көөдөндөн аттоо жок деген!

Кызыталак буруттун

Бул эмине кылганы,

Каныбыз Жолой баатырдын Башынан аттап турганы!

Кол салчудай түктүйүп,

Кытай, калмак, манжуу журт

Баары тегиз үксүйүп,

Кыргызды каптап кетчүдөй,

Кыргын салып өтчүдөй, Урушка кагар добулбас, Добулбас катуу кагылды. Каңгайды Кудай урганы,

Каарын салып жабылды.

Онбашчысы ороктоп,

Элүүбашчы сороктоп,

Жүзбашчылар жүгүрүп,

Миңбашчы жандан түңүлүп,

Каарды каңгай салганда,

Атпай кыргыз балдары

Акылынан жаңылып, Качып берди корккондон Манасты көздөй жабылып.

Ошондо Манас кабылан

Кайраттанып бөлүнүп,

Арстан түрү көрүнүп,

Каардантып булкунтуп, Кайран Бакай абакең Манасты кармайт жулкунтуп:

  • Калмак, кытай, манжууну

Адам деп ашка чакырсак, Оңураңдап, кокуйгүн, Оңбой калган экенсиң.

Аш үстүндө чыр баштап, Болбой калган экенсиң!

  • Ко¸ бер! – деп Бакайга

Манастын заары төгүлүп,

Кырк чоро чыкты бөлүнүп, Кыргын салаар эмедей Каары катуу көрүнүп.

Аламан салып ийчүдөй Айгайлап кирип барды эми.

Каңгайлыктын төрөлөр, Айыбын сезген эмедей, Аттан түшө калды эми.

Кыргыз, кытай элдешип, Кайрадан оюн мелдешип, Улантып жыйын салды эми.

Байгесин айдап бабаңа

Баатыр Кошой абаңа

Журттун баары келгени Сандыргалуу эр Кошой Санап туруп малдарын Карыптарга бергени.

Жалгызын койбой малдарын Бечарага бөлүштү.

Бекзааданын баарысы

Карыпка кайыр кылганды Как ошондо көрүштү.

Кан Көкөтөй ашында,

Калың жыйын кашында, Ар биринин кеги бар.

Түгөнбөгөн кеби бар…

 

МАНАС  МЕНЕН КО¡УРБАЙДЫН САЙЫШЫ

Көкөтөйдүн Бокмурун Жана жардык айттырды:

– Ат кайрылып келгенче,

Баатырлар чыгып сайышсын, Бакандары майышсын.

Сайганы байге алсынчы, Сайдырган куру калсынчы! Ырчы уул мындай дегенде,

Каңгайлардын калың журт

Алооке баштап карысы, Калмак, кытай баарысы Кашына келди калдайдын.

Аккуласын эр Манас

Чабаарын Коңур билгенде, Алгара атын атайы Чаппай калган кези эле.

«Аккуладан айрылып,

Арбайып жөө калса – деп,–

Манас менен сайышып,

Өксүтүп өчтү алсам!» деп,

Алоокенин Коңурбай

Алгарасын жулкунтуп, Кылагар көзүн кылыйтып, Майданга чыгып турду эми.

Октой болгон Алгара

Окторултуп бастырып,

Кылычы белде кыңгырап,

Көк найзасы зыңгырап, Сайышууга Манасты Талап кылып турду эми.

Коңурбайды көргөндө, Азизкандын Алманбет Мойнуна кемер салынып, Манаска барды жалынып: – Кектешип жүргөн Коңурбай Өзү келип калыптыр!

Кержектешээр ит менен Кезегим келип калыптыр. Кайкалаган калчага

Качырып найза салайын,

Кезекти өзүм алайын,

Бала кезден басташып, Эрегишкен Коңурбай.

Дос экениң чын болсо, Угуп кой, Манас, кебимди. Ошо күндөн ушу күн Ала албай жүрөм кегимди!

– Ай, Алаке, көкжалым,

Кара кытай, манжуу журт

Ушак кылып жебейби,

Азизкандын жалгызын,

Качып барса бурутка, Аябастан Коңурга Салып берди дебейби! Кытай шылдың кылбайбы, Кыргызды Кудай урбайбы.

Дос экениң чын болсо,

Астыңдагы Сарала

Күлүгүңдү минейин,

Күчтүүсүнгөн калчага Күрпүлдөшүп кирейин.

Берен Манас көкжалга

«Бербеймин» деп айта албай,

Берендин көөнүн кайтарбай,

Айтканына көнгөнү,

Ай тийгендей Сарала Айкөлүңө бергени.

Бакай, Кошой сабылып,

Моюнга курун салынып, «Манасты колдой көргүн» деп,

Кудуретке жалынып,

Батасын берди баарысы, Жашы менен карысы.

Алоокенин Коңурбай

Алтындан чылбыр булкунтуп,

Алгараны жулкунтуп, Атынын оозун буруптур, Жекеге чыгып туруптур. – Кезегиң ал, конок! – деп, Туруп берди кан Манас.

Качырып сайды Коңурбай, Колундагы сырнайза Кыйрап сынып кетти эми. – Кезегиң алгын, Манас! – деп, Коңурбай туруп берди эми.

Алмак-салмак сайышып, Коңурбай, Манас ошондо Алтымыш найза сындырды.

Алоокенин Коңурбай

Найза сунду бакырып,

«Мөндүлөп!» ураан чакырып,

Манаска найза жеткени,

Эми кулап кетээрде,

Жерге Манас жетээрде,

Арстан Манас күркүрөп, Коңурбайга жеткени. Карааны тоодой калчаны Катуу сайып өткөнү.

Алгаранын үстүнөн Алоокенин Коңурбай Күлтүйүп кулап кеткени.

Жеткилең Манас көйкашка

Коңурбайдын Алгара

Жетип кармап чылбырдан Олжо кылып кеткени.

Алоокенин Коңурбай

Тизеси жерге бүгүлүп:

  • Алгарамды бергин! – деп,Манастын турду алдында Келиндей болуп жүгүнүп.

Коңурбай минтип турганда:

  • Айкөл Манас, соогат! – деп,

Алманбет ага жеткенче,

Коңурбайдын Алгара Соогат болуп кеткенче, Ичинен ойлойт эр Манас:

«Бирөөнүн тону тон болбос, Бирөөнүн аты ат болбос.

Баатыр эле Коңурбай,

Атын тартып алганда, Не муратка жетейин?! Андан көрө бу жерде Өзүнө берип кетейин».

Жүгүнүп турган калчага

  • Мына, Коңур, атың! – деп,Окоро түйгөн чылбырды Калчаны көздөй ыргытты.

Күйбөгөн жери күл болуп Күпүлдөдү Алманбет Кан Манасты жемелеп:

  • Айланайын хан досум,Кокуй алат, балакет, Качан сергек болосуң? Колго тийген ко¸нду Ко¸ берген оңоорбу?

Алгараны маа берсең, Чийбейт белем сызыкты. Салбайт белем калчага Жин ургандай кызыкты! Бул Коңурбай өлбөсө,

Кыямат жүзүн көрбөсө, Коңурбай деген карабет

Кыргыздын иши оңолбойт, Башыңдан түйшүк жоголбойт,– Деп өкүндү Алманбет.

Жыкканына кубанып,

Көк Теңир деп чуу салып,

Ногой кандап күркүрөп, Айгай салып дүркүрөп Ураан тартып алышып. Элемандын Төштүгү

Эштектердин Жамгырчы

Жандап алып баатырды

Уйгу-туйгу салышып,

Байгенин саны тогуз миң Тогуз жүзү төө экен.

Төрт миң кара малдарын

Карып-мискин алсын деп Жана калган беш миңин Калкка чачты тамамын.

Калкынын көөнү тыныптыр Казак, кыргыз аш бермек

Илгертен калган кылыктыр.

 

КОҢУРБАЙДЫН  ЧАТАГЫ

Олуядай Бакайдын Айтып турган сөзү бул:

– Баары журтум, угуп тур! Кан Көкөтөй ашыдыр, Калың чырдын башыдыр.

Ат айдалды алты күн, Күлүктөр келээр күн бүгүн.

Аккулага окшотуп,

Жолой кандын Ачбуудан Аны сүрөп албагын.

Байгеге жакын келгенде, Баарыңар сүрөөн салгыла. Чыгып келсе Аккула,

Баш байгесин алгыла. – Бакайдан угуп мындай кеп,

Сараланы Алманбет

Абайы менен жабуулап,

Кытайча таажы кийиптир,

Ал таажынын үстүндө

Шуру отогот, маржан таш Төбөсүндө жаркылдайт. Калың кытай каканчын Алманбетти тааныбайт. «Кайсы биздин кан бул?» деп, Бүшүркөнөт элеңдеп.

Алакең кетип баратат,

Жойкумасын белендеп,

Ээр белдей белестен

Сарала оозун бурду эле, Сандыргалуу кайран эр Дүрбү салып турду эле. Бузулган кумдун бетинде Оргуп-оргуп чаң чыгат.

Оргуган чаңды караса,

Аккуланын чаңы экен, Куюндай учкан чагы экен. Башын жерге салыптыр,

Баатырыңдын Аккула Башкача арыш алыптыр. Эр Жолойдун Ачбуудан

Куландай кулак жапырып,

Куюндай жерди сапырып, Учуп келет дыркырап, Баскан ташы быркырап. Аккула соңу ал экен, Артыкча тулпар мал экен. Аккула менен Ачбуудан Ко¸ндон окшош жан экен.

Амалкөй Алмаң кайран шер

Кытайынча кыжылдап,

Ачбуудан сүрөп алгансып,

«Какандап!» ураан чакырып, Кабыландын Аккула Артылта сүрөп алыптыр.

Калың кытай баарысы

Алакеңди көргөндө,

«Атактуу кытай ханы» деп, Кошо сүрөп калыптыр. Аккуланы жыгам деп Эр Жолой кылып аракет Алдынан чыгып барыптыр. Алеңгир жаага ок көздөп Атамын деп калыптыр. Аккула озуп кеткени

Аркасынан тулпардын

Алманбет «кара санаган

Андай эмес, мындай!» деп

Жолойдун аты Бууданды

Чокудан ары урганы,

Мүргүп барып жыгылып, Ачбуудан араң турганы. Антип-минтип оңолуп

Кайтып жолго киргенче

Чалкуйрук жетип барыптыр, Ачбуудандын алдына Ал дагы өтүп барыптыр.

Кыраан Алмаң кабылан

Бөксөгө атты салды эми,

«Мөндү-мөндү-мөндү» деп,

Манжууча сүрөп калды эми, «Жагы-жагы-жагы» деп, Калмакча сүрөөн салды эми. Жайнап жаткан көп калмак Жабыла сүрөп алды эми.

Жаныбарың Аккула Биринчи чыгып барды эми. Аттын баарын өткөрүп,

Алтымыш атты көз көрүп,

Артынан Манас баарысы,

Аксакал Кошой карысы

Баш байге кыргыздыкы деп

Байгенин баатыр камын жеп,

Аскердин баарын токтотуп,

Ар кайсыга мал бөлүп,

Жүргөнүндө токтотуп,

Челек менен Чарында

Байге койгон баарына,

Үч Алматы боюна

Байге бөлүп токтотуп Үч-Булактын оюна.

Кеч болуп, түн киргенде

Кыргыздын баары кудуңдап,

Байгелерге мактанып,

Жалынып отко кактанып,

Аракка тоюп мас болуп

Аң-сезими пас болуп,

Коркурап уктап калганда, Алооке, Жолой, Нескара

Бир үйгө баары чогулду, Кара баскан Коңурбай Каарданып отурду: – Журт жыйылган бир байге Албайт деген эмине?! Кытайча кийим кийинип, Алманбет бизди алдады! Элинен качкан чыккынчы, Арамдыгы калбады.

Манастын Аккуласын

Ачбуудан деп сүрөттү,

Эр Жолойдун Бууданы

Марага жетпей кулады,

Кыргыздардын тулпары Чоң байгени жалмады. Шылдыңдап күлүп чоролор Аябай бизди жүдөттү.

Эл башкарган хан Манас

Калыстыгын кылган жок,

Чакырып алып ашына

Чоролорун тыйган жок, Чогултуп алып журутту, Шылдыңдап бизди курутту.

Ар-намысты алалы, Талкалайлы бул түнү Мас болуп жаткан бурутту! Ай батып түн катканда, Кенебей кыргыз жатканда. Катынын кара баскандай

Жаңжалды кытай баштады, Кыргызды кырып таштады.

Кытайдын каны Коңурбай,

Калмактардын кан Жолой,

Солоондордун Ылама,

Кыжылдаган кытайдын Бул зордугун сураба!

Топурак учуп, тоз күйүп,

Толгон кытай эл каптап, Келаткандай сел каптап,

Каканчылуу бел экен,

Көкөтөйдүн ашына Келип алып бул кытай Кагыша турган кези экен. Кыз-келинди зордуктап, Кытайлар чыкты ошондо Кыргыздарды кордуктап. Жылкыдан күлүк тандаптыр, Жылдырып бөлүп айдаптыр.

Аралап буудан тандаптыр,

Айкырып кууп айдаптыр, Бет алдына келгендин Колу-бутун байлаптыр.

Каяшаяк бергендин

Кылычтап башын алыптыр,

Кыйырында жүргөн кыргызды Кыргын кылып салыптыр. Кереге жатат кыйраган, Кемеге жатат түтөгөн. Келген эл ашын тебелеп,

Кейишти көрчү күчөгөн.

Кан Коңурбай, Нескара,

Кара кытай, көп манжуу

Кең Каркыра бетинен

Жылкынын баарын териптир, Текестин суусун кечирип, Кытайга айдап кетиптир.

Көп жылкы кумдай куюлуп,

Токтоор эмес буюгуп,

Уюган чаңга көмүлүп,

Чуудан кулак чуулдайт, Кара бороон дуулдайт.

Карагайдан кол калың,

Кыйкырсаң жанга угулбайт.

Көкөтөйдүн ашында Көмөлөнгөн үйдү айтпа! Токтоо бербей шамаалга Томолонгон үйдү айтпа!

Кыз-катынды олжолоп,

Кызыл алтын дорболоп,

Кайнап калмак өтүптүр, Калабалап кетиптир. Кабылан Манас баатырдын Каары катуу келиптир:

– Кең Таластын оюнда,

Жылгындуунун боюнда Алдымда турса Алакем, Алдырбайм жоого дечү элем! Жанымда жүрсө эр Чубак, Жардыртпайм жоого дечү элем! Кызыкты көрдүк бул ашта Барсыңбы аман, кырк кашка?! Таалайга жазган жазууну Көрүшө турган күн окшойт. Ажал жетип, күн бүтсө, Өлүшө турган күн окшойт! Каптаса кытай, калмакка Дардайып туруп нетели! Кол куушуруп, бел бүгүп, Не мураска жетели!

Зордукчу кара кытайды

Каңгайга дейре сүрөлү, Кара кытай, манжууну

Каканга айдап кирели.

Басынып берсек болобу?

Башчысын кармап со¸лу! Кызыккан экен кыргызга, Кыргын кылып ко¸лу!

Туулмак бар, өлмөк бар Алда Таала Теңирден

Не жазганды көрмөк бар!

Тагдырда болсо, ким көрбөйт? Ажал жетсе, ким өлбөйт? Беталышып күрөшүп,

Талкалашып калбасак,

Кытай, калмак кутуруп,

Кыргызды көздөй жутунуп, Кайра келип калат ко. Кыйынсынган кызталак Кырга чыгып алат ко! Көк найзасын көтөрүп, Бара турган эр кайда?! Каңгайга намыс кетирбей Ала турган эл кайда?!

Абаке Бакай, жол башта, Аш үстүндө бизди эми Коңурбай чаап алабы?!

Козголбой кыргыз бүткөнү

Коңулда жатып калабы?! – Ошондо Бакай кеп айтат:

– Ойлонгун, Манас,– деп айтат. – Айдалган малдын дартынан Коңурдун кууба артынан.

Кытайга кирип барганда,

Ажырап калып жүрбөйлү Азаптуу кыргыз калкыңан. Тил алсаң, артка баралык, Ар жерде жатат алты кан, Элине кабар салалык.

«Калды – деп,– бизден айбыгып», Кытайга барып, кол салсак, Коңурбай келет кайрылып. Жиберсек кабар суранып,

Алты кан келет куралып, Айгайлаган чуу менен Душманды тосуп чыгалык.

Биримдик болсо арабыз

Бүлүктү чогуу салабыз,

Эл-жерди коргоп калабыз. Антпесек Коңур ылгайбы, Алты элди бирден кырбайбы! Артынан азыр кубалап,

Акылсыз ишти кылбайлы! – Дегенде Бакай карысы, Акылга көндү баарысы.

Көп элге кеткен кабары Көкөтөй ашы тарады.

Көкөтөйдүн ашы,– деп, Чоң чатактын башы,– деп.

Эсинде калган эл айтат,

Миң жылдан ашык өтсө да Ошондогу зор түйшүк, Унутулбай келатат…

 

КАНДАРДЫН КАСТЫГЫ

Балыктынын башына,

Алайдын Кара-Сазына,

Сары-Колдун оюна

Алты кан келип чогулду Эр Төштүктүн тоюна.

Кыйындар кыйла олтуруп, Кызык оюн болтуруп, Кыжаалат кепти салышты:

– Каркыранын башы деп,

Кан Көкөтөй ашы деп,

Барып көрдүк мазакты,

Манас менен Кошойдон Тартып келдик азапты. «Манас, Манас» деп койсо, Барбайганы күйдүрдү! Үйлөп койгон чаначтай Дардайганы күйдүрдү! Азган-тозгон кедейди Зор кылганын көрдүңбү! Кытайдан келген чорону Кан кылганы күйдүрдү! Качып жүргөн бузукту Тең кылганы күйдүрдү!

Алманбет, Чубак, Сыргакты Эркелетип, эсиртип, Шер кылганын көрдүңбү!

Бул Манасты чаппасак,

Эсебин мыктап таппасак,

Бузукту Манас салат ко, Калайыктын баарысын Жеке бийлеп алат ко! Тең атанын уулубуз,

Теңиримдин кулубуз.

Таягын жеп, тил угуп,

Тарап кетип, тим болсок, Теги болбос мунубуз.

Бир туугансың баарыңар,

Эштек уулу Жамгырчы,

Музбурчак турат карыңар, Элемандын Төштүгү, Казактан Көкчө каның бар.

Анжыйандык Санжыбек Аксакалды эл билет.

Бирибизди сүйлөтпөй,

Бирибизге бийлетпей

Канкор тууган кан Манас Баарын бийлеп алды го!

Теңтайлашып Манаска

Сүйлөгөнү келатса,

Эрме Таздын Үрбүсүн

Камчы менен кан Манас Как төбөгө салды го! Эл көзүнчө Үрбүнү Камчы менен салдыбы! Ойлонгула, алты кан, Бизде намыс калдыбы?

Камалып корко бергидей,

Ал бадырек канкордун Айылы бизден арбынбы, Адамы бизден баатырбы?! Өбөгү бийик өрдөбү, Өзү бизден өйдөбү?! Өткүр Манас канкордун Өнөрү болсо көрөлү! Актан келген ажалга, Арга барбы, көнөлү. Адегенде элчиден Чакырып кагаз берели. Келип калса, кошуунун Миңге бирден бөлөлү.

Бирине-бирин көргөзбөй Бириндетип жөнөйлү.

Бегин бейпай кылалык, Бектерин тамам кыралык. Көрсөтөлү кордукту, Уктаса кирсин түшүнө. Ушинетип канкорду Келтирели үшүнө!

Ойгонсо келсин оюна,

Андан кийин бу Манас

«Челишээр кыргыз бар тура, Чеберлейин эми» деп, Ченеп иш кылсын боюна.

Кырк жигитин кыйратып,

Кыз-келинин ыйлатып,

Боздогу малын жыйнатып, Манастын өзүн чабалы.

Ошондон кайтып келген соң,

Катагандын Кошойдой,

Оогандын каны Акундай Чалдардын эбин табалы!

Ушу сөздөн жанганды,

Убададан танганды Төбөсү ачык көр урсун, Төшү түктүү жер урсун!

Асманы бийик көк урсун!

Бул сөздү айтып буркурап,

Паашалардын баарысы Батасын кылды чуркурап.

Манаска элчи салмакка, Байкап ишин алмакка, Бүтүмдөрүн ыйгарды.

Алты кан алты элчини

Атайы тандап чыгарды.

 

ЭЛЧИЛЕРДИН МАНАСКА БАРГАНЫ

Капкасы алтын коргондо,

Каныкейдин ордодо,

Оң жагында баатырдын

Отуз эки каны бар,

Сол жагында олтурган

Кырк баатырдын саны бар, Астында алтын тагы бар, Башында дөөлөт багы бар. Албарс кылыч байланып,

Ордонун чебин сыртынан

Айландыра кайтарган

Элчилер кирип ордого,

Хан Манаска келишти

Кандардын берген кагазын Өз колуна беришти.

Ойрон болгон султаның

Мазмунун каттын билди эми, Мыйыгынан күлдү эми: – Тийишкен экен бектерим, Тилекти Кудай бериптир.

Көктөн тилеп жүргөнүм

Өзү эле колго келиптир!.. –

Деп кубанып кан Манас

Элчилерди урматтап

Хан сарайга киргизди,

Шек алдырбай кан Манас Айкөлдүгүн билгизди. Алманбет менен Бакайды, Кеңешке Манас чакырды:

– Ант бериптир алты кан,

Таластагы Манасты

Чакырып алып Алайга

Алабыз деп тактыдан,

Даярданып, күтүнүп Чоролор менен баралы! Алтоону тең Алайда Торойто чаап салалы!

Дагы кандай ойлор бар?

Тартынбай мага айтыңар! Кеп-сөзүнөн жаңылбай Айтып турду кан Бакай: – Чапчаңдык кылып шашпайлы, Шарт болгон ишти тыңдайлы. Угуп жүрөм арызын Ал кандар сага нааразы:

«Душманды биз чаптык,– дейт Атагы тийип Манаска, Биз талаада калдык! – дейт.

Кыргыздын журтун башкарат,

Качып келген бир кытай,

Биз бер жакты калдык, дейт, Бирибиз бокко жарабай!» Көкөтөйдүн ашында.

Калыс кетип Манастан, Камчы жеди кан Үрбү Тастайган таз башына. Ошону көргөн ойрондор, Капа болуп түңүлдү!

Каркыранын токою Таласка тиккен бак беле, Дардайып жатар чак беле?!

Күчүнө көпкөн чоролор

Аракка тоюп мас болуп, Аң-сезими пас болуп, Чалкайып уктап калышты. Муну билген кытайлар Кыргызга кыргын салышты! Эл-журттан түшөт көп арыз, Түшүнсөң, Манас падышам, Күнөөлүүбүз баарыбыз!

Актабайм мен өзүмдү,

Ачык айтпай жүрүпмүн, Акылман калыс сөзүмдү! Эл курултай чогултуп,

Талаптарын угалы,

Моюнга алып катаны, Таарынганды таштайлы, Калыстык ишти баштайлы! Ак жүрөктөн алалы Элибиз деп батаны!

– Абамдын сөзү туура,– деп Жиреди сөзүн Алманбет. – Бакемдин сөзүн тактайын! Жанагы кандар тынчыбайт, Бийликти бизден алмайын. Максаты бар өзүнүн! Буруш керек башкага Бузукунун көңүлүн!

Каркырага барганда, Кытайлардан кеп уккам.

Нескара, Жолой, Коңурбай, Элине барып күч курап,

Кыргызга кол салчудай.

Ошондуктан, айкөл шер!

Кандарыңа буйрук бер.

Аскерин жыйып Таласка.

Толугу менен келсин,– де! Келбегенге барам де, Кырка кырып салам,– де!

Ошондо тынчыйт алты кан. Алманбет берген кеңешке Ишенди Манас абыдан. Молдолорун чакырды, Кебин, оюн толуктап, Кандарга кат жаздырды.

Элчилерге эр Манас

Алты аргымак ат берди, Колдоруна кат берди.

* * *

Элчилер кайтып элине,

Карматты катты бегине, Окуду ордо молдосу:

«Буйрук кылат каныңар!

Билимди билген алты кан,

Жакшылап тыңда баарыңар! Акыл айттым, ойлонгун!

Кошуундарың бүт алып, Ары чети, болжолум, Кырк күндө мага келесиң!

Кырк күндөн кийин калганың

Талкаланып өлөсүң!»

Катты укканда, алты кан

«Барабыз» деп күүлөнбөй,

Же барбас жагын сүйлөнбөй Кырка олтуруп уңкуюп, Үндөбөдү дуңкуюп.

Чыдай албай кандарга Төрө Төштүк күүлөндү:

– Оолугуп алса кан Манас, Айбатына жол тосуп, Тура турган кимиң бар?!

Төгүлбөй турган кан болбойт,

Өлбөй калган жан болбойт, Тобокелге салалык, Толкуган аскер алалык.

Токтолбостон баралык, Бу сөздү угуп кандары, Үйлөрүнө тарады.

* * *

Убада сааты толгондо,

Убакты күнү болгондо,

Буудайыктын Музбурчак

Элим алыс дегенсип,

Он эки жүз миң кол алып, Чыгып калды жол алып. Алды болуп Таласка

Эң мурунку келгени Эр Жамгырчы зор экен Жети жүз миң кол менен.

Ал аңгыча артынан

Желеги алтын туу менен,

Жер жарылган чуу менен Эр Төштүктүн аскери Жайнап келип калганы.

Куюндуу Мерки жол менен,

Айчык алтын туу менен, Айгайлаган чуу менен Үрбү келип калганы.

Сары-Арканы жайлаган,

Сан казагын айдаган

Өзөнгө сыйбай буркурап, Өлөңүн айтып чуркурап, Баатыр Көкчө келгени.

Аңгыча коюу чаң чыкты, Анжыян элин айдаган Эр Санжыбек кан чыкты.

Букарай-Шарып ары жагы,

Бузулган Чамбыл бер жагы,

Бардыгы келип калганы,

Кырк чоронун баарысы,

Кыргыл, Бакай карысы,

Ар кимиси аземдеп,

Аскерди бөлүп алганы,

Бөлүнгөн аскер колдорун Бөлөк-бөлөк кармады.

 

ЧОҢ КАЗАТ

Арстан Манас баатыры

Аккула минип акыры,

Оң жагында жыйырмасы,

Ойротту бузган жыласы,

Сол жагында жыйырмасы, Жоо бөрүсү жыласы. Аралап келип аскердин Ортосуна турганы. Падышалык көк доол Тарс дедире урганы.

Кабылан Манас падыша

Кышкы кирген буурадай

Астыңкы эрди албайып,

Үстүңкү эрди калбайып,

Кабагы каран түн болуп,

Кайра жаар күн болуп,

Бетине чыккан ызгаары Беш байпактык жүн болуп:

  • Жанагы кандар кайда? – деп,–Кандарды бери айда! – деп, Салды заман акырды.
  • Амансыңбы кандар! – деп,

Жанталашкан жандар! – деп,

Каарын төгүп бакырды,

  • Үрбүнү уруп койду! – деп,

Башкарды өзү тойду,– деп, Түшүрөбүз кандыктан, Дегениңер эмне кеп?

Каптап келсе кытайлар,

Каршы турар кимиң бар?

Көтүңөрдү кыскыла!

Буйругумду уккула!

Кытайдын каны Коңурбай

Бизге каршы кол курап,

Келгени жатат деп уктум,

Ажалы жеткен доңуздун,

Астынан тосуп чыгалык,

Кылычты кындан чыгарып, Кытайлар келсе, кыралык! Өз жерди жатка бербестен Өлүмгө каршы туралык! Аргабыз кетсе, не чара, Ажалга моюн суналык. Эси чыгып кандары Элейишип калганы:

  • Аттиңе, дүйнө азаптуу,Арам өлгөн экенбиз! – Ушинтип Кудай урдубу?

«Барбайбыз» деп айта албай,

Баатырдын сөзүн кайтарбай, – Кайда барсаң, турдук! – деп, Кандар айтып салганы. Каарданган Манастын Ырайы кайра жанганы:

  • Андай болсо келгин – деп,–

Келе мөөрүң, бергин! – деп,

Катчыга катын жаздырды, Жыйып алып кандардын Жыгалуу мөөрүн бастырды.

  • Ээ, калайык,– деп айтат,

Атка минип «алла» – деп,

Арбактарым колдо»,– деп, Жүргөн журтум, барсыңбы?

Өчөшкөндү соо кылбай, Жүргөн журтум, барсыңбы? Коркпой согуш Бээжинге Салчу, журтум, барсыңбы?

Өмүрү өтүп согушта Көнгөн, журтум, барсыңбы? – Деп Манас сурап турду эми.

Элди Кудай урду эми:

– Аттиң, кокуй, катыгүн! Ашкере түштү каран түн! Атабыз көргөн жер эмес! Энебиз уккан кеп эмес,

Кыргыздар барар жер эмес! Ээрчигенде нетебиз!? Манас айткан жерине, Канча күндө жетебиз? Аттиңа дүйнө, азаптуу

Арманда өлөт экенбиз!

Арбак урган кандар, ай! Алаптаган заңзар, ай!

Атка минип сербейип,

Найза кармап дердейип, Таласка биз не келдик?

Манаска кантип теңелдик?

Атыбыз начар, басалбайт!

Бээжинге басып жете албайт! Кайра чыкпас капаска Өзүбүз түшүп алдык, ээ!

Калкка кесир кылдык, ээ!

Катынды жесир кылдык, ээ!

Балдарды жетим кылдык, ээ!

Жыйылбай жылас болдук,– деп,

Үйлөргө жетпей өлдүк,– деп,

Арылбаган дуу болду,

Басылбаган чуу болду,

Барамын деген жок болуп,

Көңкү журттун баарысы,

Толкундап, кайра токтолуп,

Элдин шайы кеткени,

Эч бир айла табалбай, Жарым күнгө жеткени.

Толкуган элди тыялбай, Манастын айла кеткени!

Алдында турган аскерге Кайрадан Манас кайрылды: – Эмесе, мындай кылалы, Ошону менен тыналы! Атым начар дегениң,

Арман менен келгениң, Барбайбыз деп айткыла Таластан кайра кайткыла! Барамын деген баатырлар, Сөз ачыгын айткыла. Калганың менен кол курап, Чыгабыз эртең казатка.

Каңгайга бүлүк салабыз! Көп олжону алабыз! – Деп бүтүрдү хан Манас.

Ажыбай менен Чалыбай Аттарына минишип,

Аралап колго киришип,

  • Арстан Манас каның,– деп,

Жарлыгы ушул анын,– деп, Кайтуучуңар кайтасың, Кайтабыз деп айтасың! Калуучулар каласың,

Тобокелге саласың! – Бул сөздү айтып Ажыбай,

Аралап кабар салганы,

Аскердин баары сүйүнүп, Кудуңдашып калганы:

  • Уктуңарбы, ага-ини,

Кудай жалгап салыптыр, Улук Манас камкордон – Улуксат келип калыптыр! Олжосунан кечели,

Ой, акелер, кетели!

Ээрчийбиз деп нетели?

Элибизге жетели! Эгин айдап, мал багып, Эл ичинде жашайлы!

Казатына барбайлы! Ойрон болгон душмандын Олжосунан кечели!

Тезирээк үйгө жетели! – Таласка келген аскерлер

Элүүдөн, кырктан жандашып,

Кетүүчү жолун камдашып,

Кол бузулуп алыптыр, Ата уулдан сабыркап Араң бирден калыптыр.

Калк бузулуп жатканда,

Кан Манастын алдына, Алманбет чаап барыптыр

Айгайды катуу салыптыр: – Кокуй алат, Манасым! Минтип айтсаң аскерге, Болжогон ишти бузасың! Бири да чыкпайт казатка, Катылабыз азапка!

Кандарың турат бүжүрөп,

Барбаса алар Кытайга,

Эл-журтка барып жамандап, Кандыктан сени түшүрөт!

Бул сөзүн айтып Манаска, Алдыга чыгып Алманбет Кайрылды калың элине:

– Ант урган кытай жерине

Кан болуп жүргөн, мен бармын, Жаба журтун жадатып, Сүргөн чороң, мен бармын!

Кара күрмө, жеңи жок,

Калдайы бар, беги жок,

Атка минсе эби жок, Жибеги бар, чайы бар, Чөптөн алган майы бар.

Ат минген жоону көргөндө

Дыркырап качкан жайы бар.

Арбак урган капырдын

Канын суудай сапырган, Кытайда мендей киши жок. Чоң Коңурбай баатырдын Шорун далай катыргам.

Алгарадан албайтып,

Найза сайып далбайтып,

Коңурдун шорун сапыргам,

Кытайга биз барабыз,

Таш коргондуу Бээжинди

Сыртынан курчап алабыз,

Суу киргизбей ичине

Дайрасын буруп тескери,

Суусатып кырып салабыз! –

Алманбет сөзүн укканда,

Алты кан турду тултуюп, Кың деген жок култуюп.

Калк унчукпай турганда, Арстан Манас кеп айтты, Алманын сөзүн улантты: – Биз Кытайга барганда,

Бээжинди курчап алганда, Согушуп жаңжал кылбайбыз!

Алооке менен Коңурбай

Илгертен бизге көп карыз,

Бир кезде кан Алооке

Кыргызды кырып, айдаган Жан соогалап  сандалып, Араңдан келдик Алтайдан.

Нескара менен Коңурбай,

Каркырага келгенде,

Көкөмө аш бергенде,

Түн жамынып, байкатпай, Канчаны кырып өлтүргөн, Бо¸лгон канга суу – Түргөн. Курман болгон кыргыздын Кытайдан кунун алабыз!

Бербей койсо карызын, Ошондо кыргын салабыз. Айласы кеткен кытайлар, Карызынан кутулар.

Ошондо биздин баатырлар

Кытайдан чыккан уз алып,

Кызыкканы кыз алып,

Каалаганча нар алып,

Алтын, жибек, чай алып,

Миңдеген жылкы, мал алып Эсептешип жайма-жай,

Элдешип кыргыз, зор кытай Жай-жайына тарайбыз… Барамын деген баатырлар, Уксаңар мени баарыңар.

Жарлыгым ушу билиңер: Жабылып атка миниңер! Кош башына бир айгыр Кош тартууга коюңар.

Кош башына бир байтал

Коштоп келип союңар,

Бүгүнкү түнкү коногуң Өз мойнумда болуңар. Эр башына бир атты Өзүңөр тандап алыңар!

Бул сөздү уккан көпчүлүк:

– Жаның жайыл, Манас! деп,

Балаадан болсун калас деп,

Учуң узар, Манас! – деп,

Атка мине салышып,

Найзаларын сербейтип

Укурук кылып алышып,

Арстан эрдин жылкыга

Аламан жөнөп калышып,

Эр башына бир аттан,

Чукул коштоп алышып,

Кош башына бир айгыр

Кош тартууга коюшуп,

Кош башына бир байтал

Коштоп келип cоюшуп,

Кошууңдун баары тоюшуп,

Өз алдынча болушуп,

Күлүк тийди колго деп,

Жакшы болду жолго деп, Күдүңдөгөн андан көп.

Күбө болсом экен деп

Бүжүңдөгөн андан көп,

Жоргосу тийди колго деп,

Тизгинге колу карышып, Өөдө-төмөн жарышып, Кумардан чыккан мындан көп. Ошондо аскер нени айтат – Өз ара мындай кеп айтат:

«Манасыңар бул болсо,

Бар Кудайга кул болсо, Доол келсе жел тийбес Чытырман токой турбайбы! Жазайыл атса ок өтпөс, Жасалуу коргон турбайбы! Каныбыз Манас турганда Жалтансак Кудай урбайбы!

Арстан Манас баатырдын Аркасында жүрөлү,

Атышкан жоосун сүрөлү, Ажалдуубуз өлөлү!

Жалгыз-жарым кайта албай,

Кайтамын деп айта албай,

Жандын баары буркурап, «Барабыз» деди чуркурап.

Калың журт айгай салыптыр, Баатырың буга кубанып, Көңүлү тынып калыптыр.

Элди бүтүн караса, Эсеп кылып санаса Үч жүз түмөн болуптур. Көз жеткен жердин баарысы Көп аскерге толуптур. Эл ошентип атканда

Эркинче болуп жатканда,

Атка минип эрмекке,

Аралап колду көрмөккө,

Арстан Манас жолборсу, Алты нөкөр жолдошу, Аралап колго киргени.

Төрөңүз колду сыдырып,

Төштүктүн элин кыдырып,

Жамгырчы колун саралап,

Музбурчак тобун аралап,

Көрүп Көкчө колуну,

Аралап Үрбү тобуну, Алардан өтүп алганы,

Арстан Манас барганы.

Ортого кеп салганы:

  • Чоң казатка чыкканда,Уюштургуч жан керек, Кол баштаган кан керек!

Жол баштаган кан керек! Таарыныч кийин болбосун, Кимиңер кан болосуң?

Болгонду Теңир колдосун!

Уккан уруу кандардын,

Бири да «мен» деп айтпады, Ортого кеңеш салбады.

  • Кандайсың буга, кан Үрбү?Бир кандыкты алсаңчы.

Колубуз жолго чыкканда,

Жанымда болуп, кан досум, Жардамчы болуп калсаңчы! Макул болсоң жооп бер,– Деп сурады кеменгер.

Эки Кемин жайлаган

Өз сөзүнөн тайбаган Жообун айтты Үрбү кан:

  • Султаным, айтсам чынымды,

Ичимде жаткан сырымды,

Алдыңда турам боюм пас,

Төбөгө чыккан чачым жок, Бала кезден башым таз. Кеминдин каны болсом да, Элимдин көбү мага кас.

Таласка жөнөп жатканда, Кээ бири боздоп ыйлады, Барбайм деп мени кыйнады.

Миңдеген түмөн аскердин

Урматы мага тийбейт го,

Буйрук берип жумшасам, Баштарын мага ийбейт го!

Жаңылып, каным, калбайлы, Менден көрө башканы, Кол башчы кылып шайлайлы! Кан Манас кайра кеп салды: – Хандыкка киши чыкпады, Арманың ичте калбады.

Өзүм бир адам камдадым. Кара кыргыз журтунан Кол башчы канды тандадым. Атка минсе – ак жолтой,

Атышкан жоодо – сан колдой,

Жортуп чыкса – ак жолтой,

Жоого тийсе – сан колдой,

Кеңешкенде сырдашым, Наалышканда муңдашым.

Ак сакал Бакай абамды, Калк атасы бабаңды, Кан көтөрсөк канетет? «Бул сөздү макул көрдүк» деп, «Бакайга кандык бердик» деп.

Колдун баары кубанып Айгайды бийик салганы,

Ак сакалдуу абаңды

Карып калган чагында

Кол башчы кылып казатка, Кан көтөрүп алганы!

Калк үшүнтүп турганда Айкөл Манас кеп айтты:

  • Ай, калайык,– деп айтты,–

Баарыңарга эп болсо,

Бабаңар айтаар кеп болсо,

Жол баштаган бийлигин

Алманбетке берсек деп

Сунушун Манас кылганы, Журт бейлине салганы. Айтканын угуп аскери, Азар-түмөн көп эли:

  • Макул айтат төрөбүз,Баарыбыз, кабыл көрөбүз!

Макулбуз, баатыр, макул деп,

Алманбет кан болсун деп, Айгайды аскер салганы,

Алманбет, Бакай экөөнү. Кан көтөрүп алганы.

Алманбетке жол берди, Кан Бакайга кол берди.

* * *

Ал күнү аскер жатканы.

Эртеңки таң атканы,

Супа садык салганда,

Таң агарып калганда,

Найзанын учу жылтылдап,

Аскердин башы кылкылдап,

Жер союлуп былкылдап,

Туулар тууга урунуп,

Чаң обого бурулуп,

Арстан Манас баатырың Бастырып жолго салыптыр. Астыңкы ээрди албайып,

Үстүңкү ээрди калбайып,

Оозунан чыккан сөзү жок, Каарын салып бүркөлүп, Капаланып калыптыр.

Муну көргөн Алманбет Манасты жандап барыптыр:

– Урматтуу менин султаным,

Уксаңыз, кеңеш айтамын

Атемир кызы Каныкей

Ордосуна барсак бейм, Оң батасын алсак бейм?..

Бул сөздү Манас укканы, Арсаңдап күлүп калганы.

«Катын жандуу каным» – деп, Катарында кырк баатыр Каткырыкты салганы.

Каныкей үйүн бет алып, Айкөлүң жолду баштады. Каныкейдин кырк келин Астын тосуп чыгыптыр. Баштап басып Каныкей Баатырга беттеп барыптыр.

Кырк баатырдын баарысы,

Кыргыл баштап карысы, Кыргын тийген эмедей, Аттан түшүп калыптыр.

Арасында албайып, Ээр токумдан калдайып, Баатыр түшүп калганы. Ак тамагын булайтып, Каныкей атын алганы: – Сапарга чыксаң, жол болсун, Жараткан Кудай колдосун!

Жылмайып күлүп Каныкей, Эшик ачты баатырга.

Албан түрдүү сонун аш

Адам татса болгон мас –

Кымызга бою кызышып,

Сөөк тери ысышып, Дууга кирип алганда Каныкей сөзүн баштады:

– Касташып душман жеңбеген,

Барса келбес жер деген, Уругу кытай улуу журт Көптүгүн көрсөң кара курт.

Кылым кытай эл деген,

Кыяматка жеткенче Кылайып душман жеңбеген. Кыйын жоого бет алып, Кыраандар, чыктың аттанып. Алыска болду сапарың, Ажалдан болоор капарың.

Кара жан үчүн кийээрге,

Кажыбай жоого тийээрге, Жогу болсо табайын. Жолдошуң сайын бир-бирден Сарпайы кийим жабайын.

Кырк чорого кырк бедөө

Кыйладан бери бактырып,

Соорусуна баарынын

Жолборс үртүк жаптырып,

Дилде жүгөн каттырып,

Куранды ээр токутуп,

Кундуз көрпө тарттырып,

Касбуудандын баарына

Бирден соот бөктөрүп,

Өзүнүн атын боштотуп,

Жолдошуна коштотуп, Койгон экен баарысын

Ко¸ндой кылып окшотуп.

Кылганын көрүп алышты,

Ыраазы болуп, бой балкып, Кырк баатыр айран калышты. Андан кийин Каныкей Чоролорго муну айтты, Туура сүйлөп муңайтты: – Бээжин ысык жер деген, Ысыгы маза бербеген.

Сайса найза тешпеген,

Чапса кылыч кеспеген Кырк чорого кырк калпак, Ысылуу күндө кийип бак.

Кыш кийээрге тумагын,

Туулганын сыртынан

Тумчуланып кийсин деп,

Ичин суусар ичтеттим,

«Ак калпак кыргыз калкмын» деп,

Чөмөрө басып кийээрсиң,

Намысым деп билээрсиң,– Каныкей көзүн жаштады,

Кайгылуу сөзүн баштады:

– Алманбет, уккун сөзүмдү,

Арстандардын баарысы Алыска сапар жөнөлдү, Ар кими ойлойт өлөөрдү.

Аттанган жандар аманат, Алда билет силерди Аман кайтып көрөөрдү.

Таянаар жалгыз төрөмдү, Жаман жолго жөнөлдү, Жанын тирүү көрөмбү?! Айрылып калып айкөлдөн Армандуу бойдон өлөмбү?!

Каптаган калың жоо болсо,

Кабылан төрөң толгонсо,

Кашында киши жок болсо,

Камоодо төрөң токтолсо, Жалгыздык жайын билесиң, Кайрылышаар сиз деймин. Камалап кытай кыстаса, Кайратты сизден издеймин. Эр Алманбет шол жерде Эскиси түштү эсине: – Аттигине, жеңеке, Айкөлдү «жалгыз» дедин, ээ!

Пенденин баары  бейдарман, Бек тапшырма маа айттың,

«Жалгыз» дейсиң баатырды, Жайнап жаткан көп кыргыз Кимге тууган акыры?!

Энеси бөлөк болсо да,

Артында айкөл баатырдын Абыке, Көбөш ини бар. Алдыңда мен шордуунун Өзүнөн бөлөк кими бар?!

Сөөктөш кытай элим жок,

Кытайга кылган пейлиме Кылчайып азыр карасам,

Узап кетээр жерим жок,

Өрттөп өзүм элимди,

Өткүрө бузуп бейлимди,

Жалмадым таш боор элимди, Жаман бузуп бейлимди.

Сулаттым султандарымды Сумсайттым тууган баарыны. Өз элимди өрттөдүм, Шам элимди жалмадым. Кадырын билбес Көкчөнү Канчалыкка кармадым.

Эңсеп бараар элим жок,

Кадырым билээр калкым жок, Кадимкидей баркым жок. Карсылдашып жоо келсе, Кача турган салтым жок.

Өчтөшүп жүргөн доңуздан Өлүп калсам окустан, Арбагым сыйлап, ким ыйлайт?! Артымдан караар ини жок,

Айланаар тууган бири жок!.. – Алманбет арман кылганы. Муну укканда Каныкей Агызып жашын ыйлады.

* * *

Кырктын башы Кыргылы Кагып доол салганы.

Аскердин арка жагынан Баатырлар жөнөп калганы. «Бээжин шаар оңойбу, Бул козголуш оңорбу?! Аттанганы алыс жол,

Отуз түмөн орчун кол Он кишиче көрүнбөс, Сапарга чыкты оң мен сол!

Жараткан, өзүң жардам бол!» –

Бул сөздү айтып буркурап,

Амандык тилеп чыркырап, Катын, бала, чал, кемпир Таласта калды чуркурап.

 

АЛМАНБЕТТИ КОЛ БАШЧЫ КЫЛЫП КӨТӨРҮҮ

Каар суунун боюна,

Өйүз менен бүйүзгө

Колдун алды жабылып,

Найзалар жерге сайылып,

Асабасы жайылып,

Аттын баарын чидерлеп,

«Арбын экен шибер» деп,

Чапанын чечип алышып,

Чатыр кылып салышып,

Чалкадан жатып алышып,

Көлөкө кылып салышып,

Кол ушинтип жатканда,

Эркинче болуп атканда,

Артынан келип Алманбет Аскердин кейпин жактырбай Ачуусу келди аябай.

Сары аякка бал салып,

Чатыраш ойноп даң салып,

Туу байталды сойдуруп,

От ордундай даңкандан Отуз-кырктан койдуруп, Олтурган баатыр кошунда. Оюна түшүп ар жумуш,

Алманбет келди ушунда, Арстан Манас баатырдын Эс алып жаткан тушуна:

– Кабылан Манас, барсыңбы? Катасыз уккун арзымды!

Аскердин ээси деп жүрсөм, Ашкере чыккан карсыңбы?

Жыйганың отуз түмөн кол,

Барарың Бээжин алыс жол.

Кыйгактуу найза бооладың,

Кытайдын журтун жооладың, Кытай деген – калың журт, Көптүгүн көрсөң – кара курт.

Кыйла чыгар кыяры,

Мындай жүрсө жарабайт Аскериңдин кыялы!

Тартибиңиз бу болсо,

Кудай билет адамың Аман бири каларын!

Жолуңду баштап нетемин! Жолдошуң бейли бу болсо, Жообуңду бер, кетемин!

Колуңду баштап, нетемин? Колуңдун түрү бу болсо, Кытайга барбайм, кетемин!

Чатыраш ойнуң, чачылсын,

Уйкудан көзүң ачылсын,

Кумалак ойнуң курусун,

Минткенде катар ырысың,

Ушу кылган ишиңе, Ушу жыйган кишиңе, Ичим кантип жылысын! Алманбет айтты ушуну, Кандардын түрү бузулду.

Кырк баатырдын баарысы, Кыргыл баштык карысы

Кыңк эте албай турушту. Анда Манас кеп айтат:

– Азаматтар,– деп айтат,–

Сегиз кандын үстүнө

Арбак сүйөп дөө болгон, Кан кылганым нээ болгон? Карып өзү калганбы, Эр Бакайга не болду?

Эмине үчүн башкарбайт

Эндөөлөтбөй көп колду?

Айдаган колу аз эмес,

Аңдабайт, билбейт дегидей Абакем Бакай мас эмес!

Ажыбай, Серек, баарыңар

Алда эмине кылат деп

Уялбасын жаныңар,

Ак сакал Бакай карыга,

Айтып салам бериңер,

Кол башчылык өкмөттүн, Кандыгын сурап келиңер!

Айтканым макул көрсүн де,

Азыркы жолку кандыгын

Алманбетке берсин де! – Эр Манас муну айтканда, Кырк чоронун баарысы Элейишип калышты.

Ажыбай, Серек эки бек

Кудай өзү колдо деп,

Атынын боору баткактап, Багалчагы шаткактап, Бакайга жетип барышты.

Желдеттер тосуп алышты.

Бакайга келип эки кул

Салам айтып бүгүлүп,

Кол беришти жүгүнүп, Сөз айталбай бүкчүйүп, Оң капшытта ал экөө

Олтурушту чүкчүйүп.

Эр Бакай анда кеп сурайт: – Кана, балдар? – деп сурайт,– Не келдиңер өзүңөр?

Айтууга барбы сөзүңөр? Ажыбай сөздү салганы:

  • Тууга желек байлады,Кандыкка сизди шайлады.

Кече берген кандыкты

Кайта сурап келгин деп

Кан Манас бизди айдады! Өлүмгө келдик экөөбүз, Мында жок биздин күнөөбүз! Айтканын угуп эр Бакай Каткырыгы таш жарып, Катуу күлүп калганы:

  • Атым Бакай болгону,

Арбагым башка конгону, Жаманатты кабарым Жалгыз пенде уккан жок.

Нече жерде кан болдум, Караңарчы, балдарым, Башыма мүйүз чыккан жок.

Нече жерде бек болгон Далай жолу абаңа Кетпеген дөөлөт токтолгон. Абакеңиз Бакайда Таруудай тарлык жок болгон! Жарлыгын жалган ким кылсын Жайдары Манас төрөмдүн! Жалдырабай, эки кул, Чапчаңыраак жөнөгүн!

Алманбет баатыр сырттанды

Манастан артык көрөмүн, Бир сураса ал үчүн, Миң кайтарып беремин.

Баатыр Алма султанды

Баламдан жакын көрөмүн, Башкарып алсын аскерин, Бачымыраак жөнөгүн!

Катчыга катын жаздырып,

Касиеттүү эр Бакай

Калдайта мөөр бастырып, Ажыбай менен Серекти Хан ордого жөнөттү.

– Бириң эмес,  баарың ук!

Жалпы аламан, баарың ук!

Бакайдан кандык кетти деп,

Бадышалык өкүмөт

Алманбетке өттү – деп. Ырамандын ырчы уул,

Тебетейи чоктуу кул,

Айтар сөзү шоктуу кул

Жаратып атка минди эми, Жалпы журттун баарына Жар чакырып ийди эми! Жарлыкты уккан эл айтат, Эл айтканда нени айтат: – Манаска эми жол болсун, Кызыктай ишке барыптыр.

Бакай сындуу жолдошун Кечээ күнү кан кылып Бүгүн алып салыптыр!

Калмактан келген жай таппай,

Казактан келген бай таппай, Тентиген кулду сай таппай, Кан көтөрүп салыптыр!

Калк бирдигин алыптыр! Анысы кимди оңдурат?

Ырайымсыз куу кытай Алыс жолдо бүт элди Айдап жүрүп жок кылат!

Айткан сөзү бу болду,

Баштан-аяк көпчүлүк Арасында дуу болду, Басылбаган чуу болду.

Эл ушинтип жатканда,

Эркинче болуп атканда,

Токсон нөкөр оңунда,

Алтымыш сакчы соңунда, Алманбет келди колуна, Ата уулунун тобуна: – Кайра баштан караймын, Калайык, сени санаймын!

Бу санаттан калганды Этибарга албаймын.

Жалынса жанын койбосмун.

Жалбарган немең болбосмун.

Каргантпай со¸м өзүңдү!

Каратпай тешем көзүңдү! Калайык, уккун сөзүмдү!

Кайра баштан келгин деп, Эсебиңди бергин, – деп, Алманбет айгай салганы. Калабалуу калмак деп,

Кай балаага салмак деп, Калайык айран калганы.

Бакайда тынчтык бар эле, Балкытып жүрчүү жан эле. Атты өзгөртсө бээ кылат, Ант урган калмак не кылат?

Кылганы болсо көрөлүк,

Кызыталык кытайдын Өнөрү канча бар экен, Өкүмүнө көнөлүк!

Ат кайтарган бар экен,

Онун санап өтүптүр, Он кишиге бир киши, Он башы коюп кетиптир. О¸н Алма султаның Ошентип түпкө жетиптир.

Жүзүн санап алганы, Жүз адамга бир адам Жүз башы коюп салганы.

Миңин санап алганы, Миң кишиге бир киши Миң башы коюп салганы.

Он миңди баатыр башы деп,

Ойлонсоң жумуш ушу деп,

Жүз миңге барып бек кылды, Дүйнөгө сонун кеп кылды.

Түмөн колдун баарысы Түңүлдүк деп шек кылды. Отуз болду бек саны, Ойбойду Алмаң бек салды, Ойлогун, журтум, деп салды. Он миң деген бир түмөн, (Дүйнөдө мындай ким жүргөн). Бек белгиси туу болду, Бет алган жагы чуу болду.

Он миңге керней келтирди, Орчун колдун баарынын Эсебин алып болтурду.

Туу саны отуз болуптур,

Турганга дүйнө толуптур, Үч жүз керней бапылдап,

Үч миң сурнай такылдап, Байрактын саны отуз миң, Казатта мындай болгон ким?!

Эсебин элдин алган соң,

Өкүмөтүн башкарып, Өзүнөн коюп салган соң, Эми  Алманбет кеп айтат:

– Ээ, калайык,– деп айтат,– Ушу турган кара журт,

Бириң түгүл баарың ук!

Жашың менен карың ук!

Жалпы аламан баарың ук!

Өкүмүм экөө болот деп Өзүм барда ойлобо, Өлгөнчө мага ойнобо! Жарлыгым жалган болот деп Жаныңда турса ойлобо!

Байкап жүргүн ойлоно! Мындан ары карата

Ат чалдырып өтпөйсүң!

Арак ичип көппөйсүң!

Чыканак жерге салбайсың!

Чырым уйку албайсың!

Бу жүрүшкө кандайсың? Ат керт этип чөп жебей,

Чөп жесе да көп жебей,

Эр кылт этип суу ичпей,

Күнү-түнү бел чечпей,

Аз гана эмес мол жүрүп,

Аз болгондо арада

Үч ай-токсон жол жүрүп,

Күн чыгыштын жолуна,

Күбөлүктүн боюна,

Күрпүлдөктүн шоруна

Алты ай кыштап алаарсың, Ат кара тил болгондо Бээжинге казат салаарсың.

Андан бери карата

Үйдөгүдөй болом деп,

Үлпөт көрүп оңом деп,

Мурдагыдай болом деп,

Азем күтүп оңом деп Акыры түбү ойлобо, Алманбет менен ойнобо!

Ушу болгон он башы,

Койнуңа толоор көз жашы,

Ондун бири жоголсо,

Ортодон азып токтолсо,

Караң түгүл каныңдан Ката дебей, калайык, Үмүтүң үзгүн жаныңдан! Ушу болгон жүз башы,

Жүзүңдү жуур көз жашы,

Жүздөн бири жоголсо,

Жүдөп жолдо токтолсо,

Кашык тамбас каныңдан, Үз үмүтүң жаныңдан!

Ушу болгон миң башы,

Миңиң аман келбесең, Билип эсеп бербесең,

Ажалыңдын жеткени, Абийриң анык кеткени!

Түмөндү билген бектери,

Жалган болбос жарлыгым,

Жалпы угуңар барлыгың, Жалган болсо жарлыгым, Жарабасын кандыгым!

Экөө болбос өкүмүм,

Өзүңөрдөн өтүндүм,

Өкүмүм экөө дегенди

Өрнөгүм ушу – өлтүрдүм! – Алманбет кебин жат кылды,

Алмабаш мылтык аттырды, Ар тарапка Алакең Алтымыш желдет чаптырды.

Аралап желдет калганы,

Алигини айтып айкырып, Айгай салып, бакырып, Желдеттер барды колуна. Алардын кебин уккан соң, Жээлигиш кирди тобуна: – Түбү душман кытайды,

Түмөн көрдүк мындайды,

Бээжинге барат дегенге,

Бекер каар кылмакка,

Бечара карып кыргызды

Жеткирбей жолдо кырмакка Алманбет кылган иши го?

Арстан Манас дегениң Кыра берсин, мейли деп Кылчайбай турган киши го? Кытайдан улук кылган соң, Кырылат деген ушу го?

Карыдан каргыш алдык,ээ,

Катынды жесир салдык, ээ,

Баланы жетим кылдык, ээ, Байкуш жанды кыйдык, ээ!

Ат чалдырып өтпөгөн, Азык ичип көчпөгөн Адамдын кылаар ишиби? Ушу сөздү айткан соң Оңдуруучу кишиби?!

Чыканак жерге салбаган, Чырым уйку албаган Бенденин кылар ишиби? Бейли бузук бу кытай Мерт таптырбас кишиби?! Каранга калган экенбиз, Кайгырган менен нетебиз? Кытайга берип бийликти

Капилет өлгөн экенбиз! – Кайгы баскан калың кол,

Карап турса оңду-сол,

Каңырыгы түтөшүп, Кайгырып айткан сөз ошол.

Айткан сөзү бу болду,

Аскеринин баарысы Капаланып дуу болду.

Картаңдары буркурап,

Жаштары ыйлап чуркурап,

Ат чылбырдан кармашып, Алты канды каргашып,

Үй-жайын санап алышты,

Үшкүрүп жүрүп түн бою, Ал күнкү асыл уйкудан Дагы куру калышты.

Кайгыланып кол жатты, Караңгы кетип таң атты.

Супа садык чалганда,

Таң агарып калганда

Алмабаш мылтык чаңырды,

Аттангын деп бу түндө

Ач кыйкырык жаңырды.

Калдайган аскер кол менен

Артып жолго салыптыр,

Айдалып жолго киргени Кырк күн болуп калыптыр.

Кырктын башы Кыргылга Кылыгы чатак Бозуул Он башы болуп алыптыр.

Күнү кырк бир болгондо

Кыргыл чал жүдөп калыптыр,

Жүрө албай чокчоюп,

Ак сакалы арбайып,

Кыл муруту сарбайып,

Жүрө албай Кыргыл шалдайып, Бозуулга жетип кеп айтат:

Болбоду шайым, – деп айтат,–

– Ээ, кулунум, Бозуул,

Көңүлүң жакын дос уул,

Кол баштаган кытайың

Калабалуу доңуз кул

Калмак кулдун зарпынан,

Каңгай кулдун дартынан Жүрүп-жүрүп жүдөдүм,

Жете албадым артынан.

Кылым кыргыз баласын,

Не болгонун билбеймин

Эсепсиз эсер Манастын,

Калмакка берип өкүмдү, Карап турсам бу канкор Кан ичмектей шекилдүү!

Жолу каткан бу кытай

Жол билүүгө бекилди,

Конуш алып кондурбай, Жолдо кырат окшоду! Орун берип оңдурбай,

Ушундай зордук болобу?

Он күндө бир кондурбай!

Ушу бүгүн карасам,

Эсеп кылып санасам, Күнү кырк бир күн болду, Түнү кырк бир түн болду. Эсеп кылсам экөөнү Сексен эки күн болду.

Караламан букара –

Калктын аты ким болду?!

Мындай ыраак жүргөндө

Мыктылык кылыш бекер деп,

Кол кырылып кетер деп,

Кырылып кетсе кокустан,

Ушунчалык көпчүлүк,

Убалы кимге жетер деп,

Ойрон Кыргыл мен болдум,

Он башы Бозуул сен болдуң,

Азапты артык көргөнчө,

Айдалып жүрүп өлгөнчө,

Балааны башка көргөнчө,

Байлоодо жүрүп өлгөнчө Башымды кесип алсаңчы, Манасыңа барсаңчы!

Кыргыл баатыр өлдү деп,

Кыяматты көрдү деп,

Кызыталак калмакка Барып кабар салсаңчы!

Чала жан болуп жүргөнчө,

Туулбай эле калсамчы,

Атагым Кыргыл болгону,

Алтымыш жашка толгону

Азапты мындай көрбөдүм! – Болоорун мындай билгенде Мурдараак неге өлбөдүм!

Кыйналгандан Кыргылчал

Кырданып айтып турганы, Бозуулду Кудай урганы.

– Ак сакал Кыргыл, не дейсиң?

Аскердин камын не жейсиң!

Колду санга салганда,

Эсебин элдин алганда,

«Тирүү калды тогуз – деп,–

Кыргыл менен он болчу, Өлдү Кыргыл доңуз» – деп, Эсебиңди беремин.

Эгер андай кылбасам, Манастан балаа көрөмүн. Каарына калып ким жүрсүн Кан Алманбет төрөнүн. Андан көрө, Кыргылым, Калжырабай жөнөгүн! Аксакал Кыргыл күүлөнүп, Манаска барды сүйлөнүп: – Манас, сенин кордугуң, Баш жутуучу зордугуң!

Элкин келген кытайды

Эл бийлетип зор кылдың, Эл-журтуңдун баарына Эрибеген шор кылдың!

Каңгып келген бир кулду

Кан көтөрүп зор кылдың,

Берен калсын Бээжиниң,

Кыргын алсын кытайың, Ким билиптир мындайын!

Ат чалдырып өтпөстөн,

Азык ичип көчпөстөн,

Уктап уйку канбастан,

Уучтаган колду жазбастан,

Узакка сапар кылууга,

Уруштурбай кытайга

Убара кылып кырууга Каалаган белем калмак кул?! Кара санаа кытайдын Каршылык иши мына бул!

Каршылык болбой не болду –

Калктан кайрат жоголду, Душмандык болбой не болду – Аскерден айбат жоголду! Конуп калса нетер деп,

Койгулашып жоо чыкса

Кол кырылып кетер деп, Колду кырып салган соң Компоюшуң бекер деп!

Кырылып кыргыз калган соң

Кимге жетет убалы!?  – Кыйкырык салып Кыргылчал Кыйла сөз айтып турганы.

Кыйналганын билгени,

Кыраан Манас бу жерде

Кыл муруту солк этип, Мыйыгынан күлдү эми: – Оройлукту, Кыргылчал, Ушу жолу ко¸ сал!

Ойроту билээр карыбыз, О¸н Алма – каныбыз,

Капалык менен оройлук Ушу жол ко¸ салыңыз! Күпүлдөбөй, аксакал

Он башыңа барыңыз! – Ал сөздү айтып Манасы

Атын санга салганы, Маңкаңдата бастырып Алдыга жөнөп калганы.

Түңүлгөн соң баатырдан,

Каргады баарын Кыргылчал:

– Манасың менен куруп кал! Казатың менен чирип кал! Калмагың менен чогулуп Баарың жерге кирип кал! Бээжиниң менен берен кал, Кытайың менен кулап кал!

Талаада калды сөзүм деп,

Буга окшогон кордукту

Көрө элек эле көзүм деп,

Баятадан чапкылап

Ооп калды эсим деп,

Кансырады көтүм деп

Чаңга жуулду бетим деп, Кыргылчал токтоп калыптыр.

Он башчысы Бозуул

Тогузун айдап топулдап, Кыргылга жетип барыптыр.

Кыргылчал узап кеткенде,

Кыйла жерге жеткенде,

Туйгунуң Манас бир кырдан Турнабай көзгө салыптыр, Аскерди карап калыптыр:

Жетелөөдөн кош кетип,

Кош ат колдон бош кетип,

Эки көздөн төгүлгөн

Он эки талаа жаш кетип, Ооган жакка баш кетип, Өбөктөгөн андан көп.

Өөдө болуп, бастыр деп

Жөлөктөгөн андан көп, Жедеп шайы кеткенди,

Өлүмгө жакын жеткенди,

Жүрө албаган дартынан,

Жыга тартып атынан,

Боо окшогон адамды

Чатырга кошо бүктөшүп,

Узунунан уңкуйтуп,

Дөңгөч арткан эмедей

Эки-экиден жүктөшүп,

Отун арткан эмедей

Кол-аягын сарпооштоп Ууруга түшкөн эмедей Байлап жүргөн андан көп.

Кай бирөөнү караса

Он башчысы ормоюп,

Оозу кетип борбоюп,

Өзү жалгыз сороюп,

Кай бирөөнү караса

Миң башчысы биле албай,

Миңинин бири тил албай,

Кайсы экенин биле албай, Казбай көргө кире албай, Кайгырганы андан көп.

Аны көрүп эр Манас

Ашыгып жүрүш бекер деп,

Кол кырылып кетер деп,

Ушунча аскер кырылса

Убалы кимге жетер деп,

Аккула менен тепеңдеп Алманбетке жетем деп Эр Манас жөнөп калыптыр.

Эңкейген сары талаада

Жол баштаган Алманбет

Эгиз туусун көтөрүп,

Астындагы Сарала

Баладай жалы былкылдап,

Макмалдай жүнү жылтылдап,

Басыгын салып зыпылдап,

Төрт аяктын такасы

Таш кагышса чыртылдап, Баатыр Алмаң баратыр Мас немедей шылкылдап.

Азыр атка мингендей,

Эми эле жолго киргендей,

Эригүүчү эр эмес,

Майышуучу неме эмес, Бардашына караса Бадышадан кем эмес.

Анда Манас кеп айтат:

– Алманбет, уккун,– деп айтат,– Аскердин атка мингени,

Айдалып жолго киргени

Сексен эки күн болуп,

Жер жайнаган көп элдин

Үстүнө каран түн болуп, Элдин шайы кетиптир, Өлүмгө жакын жетиптир.

Андан келип карасам,

Айландыра санасам, Аскердин шайы кетиптир, Ажалы жакын жетиптир.

Арстан Алмам, бу жолго Конуш кылсак нетиптир?

Ал сөздү айтып салганы,

Айтканын угуп Алманбет Ачуусу келип калганы:

– Катыгүн, төрөм, не дейсиң?

Аскериңди шылтоолоп, Как өзүңдү карасам, Алсырап калган кедейсиң!

Алаткүн, төрөм, не дейсиң?

Аскердин камын не жейсиң?

Жалган болсо жарлыгың,

Жарабаса кандыгым,

Кандыгымды алыңыз,

Калабалуу жумуштан

Качып жүргөн бир кулду Калыс кылып салыңыз.

Өзүңдөн, төрөм, өтүндүм,

Экөө болсо өкүмүң,

Өлмөк болду аскер деп,

Өзүңдө  болсо өкүнчүң,

Өкүмдү алып тоюңуз,

Өкүнгөнүң коюңуз,

Кылымда мындай кол болбойт, Асили чынын айтканда, Кыргылың өлбөй жол болбойт!

Кыргылчалың өлбөсө,

Кыяматты көрбөсө,

Кыргыздын иши оңолбойт! –

Камчы салып атына,

Арстан Алмаң токтолбой Жөнөп кетип калганы.

Кыдырата санабай,

Кыраан Алма султаның

Кылчайып артын карабай,

Аз жүрбөдү, мол жүрдү, Жаалданган Алманбет Дагы бир күндүк жол жүрдү.

Шараптын улуу кырына

Салып чыгып барганда, Дүрбүсүн алып колуна

Көк жал Алмаң караса,

Кошууну чарчап калыптыр, Көбү жүрбөй калыптыр. Асты келет айдалып, Арты келет байланып.

Мыктуулардын баарысы

Артынан түшүп аскердин

Айдап келе жатыптыр, Ат үстүндө сорпоштоп Кээсин байлап  алыптыр.

Көргөндө муну Алманбет: Эми жүрсөм бекер деп,

Кол кырылып кетер деп,

Убалы кимге жетер деп,

Кобулдуунун өзгөнгө

Колду күтүп турганы,

Аскердин алды келгенде Алтыдан доол урганы.

Кудай жалгап салды деп,

Конмок үчүн бул жерге,

Уруксат тийип калды деп

Кай бири аттан түшүшүп,

Маталып калган байкуштар

Баса албай жерди сүзүшүп, Кайсы бирөөн карасаң

Аттан түшөөр алы жок,

Аа карашар дагы жок,

Кулап аткан андан көп, Өлүмдү алып оюна Сулап жаткан сандан көп.

Аттын баары бош кетип,

Артылган бойдон кош кетип,

Ооган жерге баш кетип,

Көпчүлүктүн көзүнөн

Он эки талаа жаш кетип,

Көрөөр болсоң калыкты ай,

Көбөөттөгү балыктай,

Үстү-үстүнө тыгылып

Үңкүрдөгү салыктай

Кара журт жатып калганы, Аттарыңды байла деп Кан Алмаң айгай салганы.

Айгай үнүн укпады,

Аттарын киши тутпады, Акырет кетчү немедей, Аңтарып көзүн уктады.

Кай бирөөнө караса

Ээри кетип бооруна,

Куюшкан кетип сооруна

Сүйрөп жүргөн андан көп,

Жүдөгөндөн жыгылып,

Сүйрөлгөнү сандан көп.

Ээр-токуму калдырап, Ооздугу шалдырап, Оттоп жүргөн андан көп.

Ак доолду карс коюп,

Алмабаш мылтык тарс коюп,

Ачуусу келип чаңырып,

Ач кыйкырык жаңырып,

Аттын баарын үркүтүп,

Адамдын баарын дүргүтүп, Качырып көбүн ар жерге

Алманбет кирди аскерге, Кужулдады көпчүлүк, Колго түштү көп түлүк. Мүдүрүлүп жыгылып,

Жүрөк оозго тыгылып,

Ычкырларын үзүшүп,

Үстөмөндөп түшүшүп,

Алсырап барган көпчүлүк Аркы-терки сүзүшүп, Кыйрап жаткан андан көп. Калмакка Кудай бардыр деп, Ыйлап жаткан сандан көп. Ыштанына байланып, Туйлап жаткан андан көп. Кудай бардыр калмак деп,

Колун жыйып кытайдын

Койгон экен камдап деп,

Кор кылмакка биздерди

Келген экен бу жерге Кондурбастан айдап деп, Каргап жүргөн андан көп. Караңгыда аламан Биринин атын бири кууп, Кармап жүргөн сандан көп.

Эл ушинтип жатканда, Элдирешип атканда, Эми Алманбет кеп айтат:

– Ээ, калайык,– деп айтат,–

Маңдайкы жак баткалда,

Жадоо, Чулун, Чаткалда,

Кокон менен Кашкарда,

Букар менен Ташкенде,

Сары-Арка менен Сары-Колдо

Жайылган элиң оң-солго,

Иле менен Чүйүңдө,

Жатып алып үйүңдө

Кыйгыл суудан бир жутсаң Кыздын тынчын аласың,

Кыйынмын деп каласың!

Ачкыл суудан бир жутсаң Ат уйкусун аласың, Айылга дүрбөөн саласың! Аттанып түштүм, эрмин деп Адамсынып каласың!

Бээжин кайда, жер кайда? Кытай деген эл кайда? Конуп алып арада, Уктаганың не пайда?

Андайдын иши бузук деп,

Оң кулагым укпасын,

Уккан болсо кулагым, Билесиң го калайык, Жаныңдын тирүү чыкпасын!

Сол кулагым чалбасын,

Чалган болсо кулагым, Билесиң го калайык, Жаныңдын тирүү калбасын! Али да Бээжин кыйла деп,

Алманбет айтып мындай кеп, Айткан сөзү бу болду, Арылбаган дуу болду. Кеменгерин чогултуп Алманбет баатыр дагы айтты:

Эл бийлеген эрендер,

Эсебин энди бергин, – деп, Буйругун элге таратты. Он башчысы ороктоп,

Найзасы колдо сороктоп, Окутуп санын өткөрдү, Өткөргөнүн көз көрдү.

Жүзбашысы далактап,

Жүр бери деп шалактап,

Жүгүнүн санын өткөрдү, Өткөргөнүн көз көрдү. Миң башылар келгени, Минтип эсеп бергени.

Отуз жүз миң аскердин Эсебин Алмаң алыптыр,

Манастын кошу калыптыр.

  • О¸ндор, санап бил – деди.

Баатырыңдын кошууну

Он башысы ким? – деди

  • Он башысы ушу – деп,–Тазбайматты көргөздү.

Алмамбет ага токтолду,

Аңдап көрсө Байматтан Бир кишиси жок болду.

  • Билерманы сен болсоң«Бир кишиң эмне кем?» – деди.
  • Жадоо, Чулун боюнда,Короготу оюнда Тогузу тийген колума!

Айдап аман тогузун,

Өзүм менен он кылып,

Жүрөмүн элдин соңунда! – Деп Тазбаймат кеп айтат,–

  • Колума тийген тогузунАман айдап астыңа Алып келдим, – деп айтат. Анда Алманбет кеп айтат, Ачууланып бек айтат:
  • Отуз жүз миң орчун кол

Ошонун баары соо болсо,

Так эле сенден бир киши Жоголгону жаман го!

Өкүмүм эки болбос! – деп,

Байматтын башын аларын Алманбет айтты кабарын.

Тазбаймат башын алганы

Алты желдет жабылып, Даярданып калганы. Так ошондо кыйкырып Алмага Серек барганы:

  • Казатка чыккан чоң жолдо.Кагазың оку, молдо, – деп, Эр Серек айтты жөндүү кеп. Кадырсейит молдосу Кагазга көзүн салганы. Манастын аты Байматтын Онунан чыгып калганы.
  • Байкабай кара бастым – деп,–

Баатырым Манас, сен үчүн

Өлүп кала жаздадым! – деп Сүйүнүп Баймат бакырды. Жанында турган чоролор

Кыйлага күлүп каткырды. Анда Манас кеп айтат:

  • Куруп кеткен Тазбаймат,

Улук кишим сен болсоң,

Унуткан кишиң мен болсом,

Серекти айтпай койдурбай,

Сени ушу жерде сойдурбай! – Деп айтып Манас болкулдап, Аябай күлдү солкулдап.

* * *

Эр Манастын үстүнө Эми Алманбет барганы:

  • Султаным Манас баатырым,Чалгынчы жибер алдыга, Чатак иш көп алдыда.

Бээжинден чалгын чалчуң ким?

Көрбөгөн жерге барчуң ким? –

Барууга киши жок болду,

«Мен чалам» деп тобунан

Белсенип чыккан болбоду, Баарысы чочуп токтолду.

Ошондо Манас кеп айтат:

  • Эр Алманбет, – деп айтат,–Барган менен баатырлар Кытайдын жайын биле албас. Ченин көрүп өлчөөсүн, Жерин билип жүргөнсүң.

Аскерден тандап, адам ал,

Алманбет, өзүң чалгын чал! Алманбет туруп кеп айтат:

  • Оо, султаным, – деп айтат,–Чалгын чал десең, чалайын, Чарчабастан барайын.

Сундуруп найза тартпаган,

Сурданып жоодон качпаган,

Бир өзүн миңге баалаймын Сырттан Сыргак баатырды

Жолдоштукка каалаймын.

Ажыбайдын Карткүрөң

Алыска кетсе азбаган,

Кошуп ийсе жылкыга

Бир жаңылбай баштаган

Аркар сындуу мал экен,

Коштоого бергин алайын. – Анда Манас кеп айтат, Ыраазы болуп деп айтат: – Алманбет, Сыргак эгиз эр, Аман келгин, бөрүлөр! Сурап берем Карткүрөң, Коштоп алып кетиңер.

Кабары катуу Бээжинден

Эсен-аман келиңер! – Ат колуна тийген соң,

Ойлогон ою тынган соң

Кытайдын жерин чалганы

Алманбет, Сыргак аттанды.

 

ЧУБАК МЕНЕН АЛМАНБЕТТИН ЧАТАГЫ

Кырктын башы Кыргылчал, Кыркында көпкөн кызык чал. Эртели-кеч жамандык Ойлогону бузук чал.

(«Каныкей менен Чубакты Абыдан ысык ойнош» деп, Сөз тараткан чагы бар).

Аралда жаткан Чубакка Айтканын барып угуп ал: – Акбалтанын Чубагы, Чубак болбой куруп кал!

Нойгуттан кыраан сен болсоң, Кытайдан келген кызталак Алманбеттен кем болсоң! Таластан Кеңкол кең эмес, Манастан Чубак кем эмес! Арака тоюп алганда, Дардалаңдап кетчү элең.

Ааламды бузам дечү элең… Алманбет чалгын чалаарбы?!

Кеңеште жок, кепте жок

Келберсиген эр Чубак

Оорукта жатып калаарбы?! – Муну Чубак укканда, От чагылды көзүнөн.

Көк тулпарды токунуп:

Добулбасты карс уруп,– – Алманбетти со¸м! – деп,

Акбалтанын Чубагы Жөнөп калган убагы.

Кароолго чыккан эр Бакай Жаалы катуу Чубактын Караанын көрүп калыптыр.

«Кол бузулган экен, – деп,– Койдурбасам бекер»,– деп,

Ак сакалын коюндап,

Уларбозун моюндап,

Арстан Манас кошуна, Айкөл эрдин кашына Чапкан бойдон барыптыр: – Бузукулар Чубакка Бузук сөз айтып салыптыр!

Нойгуттун о¸н Чубагы Алманбеттин артынан Жулунуп жөнөп калыптыр!

Алманбет, Чубак дегендер, Манас, сенден башканын Тилин албайт эки шер.

Артынан барып, сен өзүң Акыл сөзүң айтып кел, Жараштырып кайтып кел.

Жөнүн тапкын, баатыр,– деп, Абасы Бакай айтты кеп.

Муну Манас уккан соң

Аккуланы булкунтуп, Эки шердин артынан Жөнөп калды жулкунтуп.

* * *

Аны таштап салыңар,

Алманбет менен Сыргактын Кабарын угуп  алыңар. Аттанганы ал экөө Күнчүлүк жерге жетиптир.

Жаадай болгон Сарала ат,

Коштогону Карткүрөң,

Жараган тулпар Көкчебич,– Аттарын чөпкө чалдырып, Чалгынга жөнөп калды эми. Албууттанган эр Чубак

Артынан жете барды эми.

Алдынан тосуп Алманбет

Кол сунуп салам айтканда, Аликти Чубак албады.

Алманбет буга таң калды:

– Баатыр Чубак, береним,

Каарданып калыпсың, Кылычыңды кармалап, Кынынан сууруп алыпсың! Өзүңөн улуу агаңа Алик бербей калыпсың! Акбалтанын Чубагы Ачуусун кайдан тыйганы: – Кең Таластын оюнда,

Жылгындуу өзөн боюнда Кошо билип кыргызды Жыргап турган чагыңда,

Ошондо жазган кат кана?

Кудайлашкан ант кана? Сенден сурап сабылгам:

«Бээжинге сапар кылганда,

Мени жолдош кылгын» – деп, Пейлиң жаман кытай кул, Безеленип жалынгам!

Мени ойлоп койбостон, Оорукка неге таштадың?

Он эки түркүн кол баштап, Чалгын чалаар сенсиңби?! Кеңеште жок, кепте жок Оорукта калаар менминби?! Мен да бирге барайын, Көнөсүңбү, кытай кул? Көнбөс болсоң сөзүмө, Азыр менин колуман Өлөсүңбү, кытай кул!?

Калп эле «чалгын чалам» деп, Ордолуу журт кыргызды

Таштайын деген экенсиң!

Бээжин сенин белиңби? Кызыталак кытай кул, Бузайынбы чебиңди?!

Сындырайын белиңди,

Суутайын демиңди! – Деп ошентип жинденип,

Жулкунуп Чубак турганда,

Чубакты Кудай урганда, Алманбет жөн турабы, Каарданды бул дагы: – Ойлосоң боло сен, Чубак, Олоңдогон кызталак!

Бээжинди чалам ким үчүн?

Тууганым кыргыз эл үчүн! Байкасаң Чубак, сен үчүн! Кызыл күрмө кытайдын Кыйынынын уулу элем.

Кай жерде сага кул элем?! Качан болсо, ит Чубак, Кытай атым калбады! Аңылдаган ит Чубак, Кан кыл дедим кимиңди?!

Кагайынбы жиниңди!? –

Деп ошентип Алманбет

Казык моюн Сарала

Кайкалатып кайран шер

Эки миздүү кылычын Сууруп алып кынынан Качырып калды Чубакты.

Көкала минип зыргытып,

Токтолбостон эр Чубак

Оң жеңин чечип ыргытып,

Калканын кармап, жонго алып, Аянбай кирди Чубагың Ач албарсты колго алып.

Асылкеч өскөн эки шер Бирин-бири кыя албай,

Кыйкырып кылыч чаба албай Кежеңдешип турду эле. Ал аңгыча ар жактан

Алтындуу доол кагылды, Жетип келип эр Манас, Чоролорго бакырды:

– Бөлүнсөк бөрү жеп кетет! «Бөлүнүп калды кыргыз»,– деп, Бөлөк элге кеп кетет!

Чуу көтөрбөй бу күндө, Султандык кылаар кезиңер! Ынтымакты унутуп,

Кайда кетти эсиңер?!

Астыга салса ак жолум,

Атышка кирсе, сан колум

Алманбет, Чубак – эгизим, Ааламды бузган тегизим!

Кылычты сууруп кынынан, Акмак болсоң эки дос, Экөөңүн тең өлгөнүң!

Манасты тирүү көмгөнүң! –

Бул сөздү айтып айкөлүң Сарала атты оң колдоп, Ооздугунан алды эми. Көкаланы тизгиндеп, Сол колуна чалды эми. Эки жакка айрылтып, Арачалап калды эми. Буластаган эр Чубак Манаска сөзүн айтты эми:

– Угуп кой, Манас, кебимди! Бир келген кезде жетимди!

Он үч жашар кезимде,

Келгемин сага, эр Манас, Алтайдын алыс жеринде,

Калгандыр, Манас, эсиңде!

Кылычтын мизин жаланып, Ант бергембиз кечинде!

Кыргызым деген эл үчүн Ар-намысты талашып, Душманга кыргын салганбыз!

Кан төгүшүп, кармашып

Өлүмгө далай барганбыз,

Эркиндик менен жүрөктү, Кумарга байге сайганбыз! Тентиген элди чогултуп Каганат түзүп алганбыз! Жоону сайса биз сайдык – Атагы калды Манаска! Багынтып койдуң сен мени Качып келген калмакка! Алманбет тизгин алганы, Талаада Чубак калганы! Кызматың кылган кырк баатыр Кыңк этпей калды таптакыр!

Каңгайдан келген кытайды

Ташын талкан кылам! – деп, Күүлөндү Чубак булкунуп.

  • Арамдын канын чачайын,

Ко¸ бергин, Манас! – деп, Алманбет кирди жулкунуп. Муну көргөн Манастын Каңырыгы түтөдү:

  • Күпүлдөгөн эки арам,

Кайра тартып казаттан Качайын деген экенсиң! Курап келген колумду Чачайын деген экенсиң! Арада жолду талашып, Алманбет, Чубак, күйгүздүң! Ушу турган Бээжинге Экөөңсүз эле жетемин!

Ажалым жетсе кытайдан Армансыз өлүп кетемин!

Аңылдаган эки арам,

Өлүшө берчи көрөйүн! –

Каарданып кан Манас

Оң жагыңда Алмаңды

Оңго силкип жиберди,

Сол жагында Чубакты Солго силкип жиберди.

Түгү чыгып бетинен,

Капа болуп буларга,

Жеке барып отурду Кара белес кыраңга. Акбалтанын Чубагы

Мойнуна күнөө түшкөнсүп, Ыктагансып алыптыр.

Шайтаны кетип кейпинен Жумшаргансып калыптыр:

– Баатыр Алмам, береним,

Бакырып «кытай» дегеним, Артыңдан чаап келгеним, Байкасам мунум, зор уят.

Чалгынды чалсаң, жол мына!

Байлап алсаң, кол мына! Салайын десең, ор мына!

Кайнатып кетсең, шор мына! Башымды кессең, мен мына! Канымды төксөң, жер мына!

О¸нум Алмам, кечип кой,

Башым тартуу сага! – деп, Аттан түштү эр Чубак, Эки колу боорунда.

Кулдук уруп досуна.

Ичинде калбай эч бир кек

Ыраазы болду Алманбет, Аттан түшүп түйүлүп, Камчысын салып мойнуна:

«Күнөөмдү кеч Чубак» деп Алманбет айтты досуна Жаш келиндей жүгүнүп. Баатыр Манас караса, Асманда кош жылдыздай Жаркырап жайнап калыптыр. Алманбет, Чубак эки шер Кол кармашып алыптыр. Ак буудайдын унундай Жуурулушуп калыптыр.

Көргөндө муну эр Манас,

Каалгадай кашка тиш, Калайыктан башка тиш, Кашкайып чыгып алды эми. Эки шерди кучактап, Борсулдап күлүп калды эми.

Жолдошу Сыргак баатырды,

Жол талашкан Чубакты Жолдош кылып акыры

Эрендер атка миништи.

Элкин бийик бел жакка Төртөө тең бирдей киришти. Асмандаган  Талчоку Ашуусу бийик бел экен. Эки башка көп элдин Ортосунда чеп экен.

Чоң дүрбү Манас колго алып,

Бурамасын имерип,

Буруп көзгө жиберип, Мунарыктап бөлүнгөн

Бурчун көрдү Бээжиндин, Кумурскадай кайнаган Журтун көрдү Бээжиндин.

Кара кытай, манжунун

Жерин айтты Алманбет

Кара курттай жайнаган Элин айтты Алманбет:

– Көрүнүп турган Чет-Бээжин Көйнөгүм чечип, жууган жер, Энекем мени тууган жер.

Күн чыгыш жаккы четинде

Оркоюп турган кара тоо

Алтын алчу кен ошол, Эсенкандын эли ошол.

Каршылашып келгенде,

Каптап кетээр сел ошол. Анын бери жагында

Кыр мурундуу, кызыл көз

Алооке кандын Коңурбай, Кылымды бузган эр ошол. Жетиген тарап жагында Катындан чыккан Ороңгу, Ороңгу кандын жери ошол. Анын бери жагында

Манжуулардын эли ошол, Нескаранын жери ошол.

Андан бери жагында Солоондордун эли бар, Бороончу кандын жери бар.

Андан бери жагында

Тыргоот, шибээ эли бар,

Ороккыр менен Бозкертик Эки кандын жери бар.

Каспан тоонун артында

Көкө-Ноор көлү бар,

Көкө-Ноор боюн жердеген Чоң Жолойдун эли бар. Көкө Ноор көлдүн аржагы Кырк күнчүлүк чөлү бар. Түп-Бээжинде Карыкан, Бүт кандардын зору ошол.

Топон суу тоздоп кирбеген,

Сулайман сурак албаган,

Үрүстөм, Дастан, Искендер,

Ошолор изин салбаган

Толкуп жаткан Бээжинге Азирет Аалы барбаган.

Төрт түлүгү тең келген Шайдын көбү кытайда. Чөптөй чыккан жердеги Чайдын көбү кытайда. Өчөшкөн жоосун жайлаган Өжөр келет ушул эл. Кытайдын ханы кайрыккер, Эл-журту өзү боорукер.

Биз Кытайга жетпейбиз, Каңгайды көздөй беттейбиз. Кармашарың чоң Коңур Тетиги тоодо оңбогур!

– Баатырлар, болсун жолуң! – деп,

Ордунан чыксын оюң! – деп,

Кош айтышып, айкашып,

Кыса кармап колунан

Арстан Манас, эр  Чубак Кайра тартты жолунан.

Сыргакты алып Алманбет

Өзү билген жол менен,

Үстүнөн ысык кетпеген,

Төбөсүнөн айланып,

Канаттуу учуп өтпөгөн,

Кылчайбай жолго салышты Кытайга жакын барышты.

 

ЧАЛГЫНДА

Сыргак менен Алманбет

Тешик-Таштын оюна,

Агарган талдын боюна

Жакын кирип барганда,

Армандуу баатыр Алманбет

Туулган жерин көргөндө, Көңүлү жаман бөлүндү, Көзүнүн жашы төгүлдү:

– Береним Сыргак, угуп тур,

Туулуп-өскөн жер ушул,

Алты жашар кезимде

Көйнөгүм чечип жүгүрүп, Көпөлөктү кубалап, Чоңоюп өскөн жер ушул. Береги жаткан кара кыр Чай алуучу жер ошол. Ак-ала мойнок көрүнгөн

Алтын казаар кен ошол. Сарала кум, кызыл чап

«Алманбет ойноп жүрсүн» деп, Атам тапкан төр ошол.

Ойлосом, ичим чок болот,

Айтпасам, көөнүм бук болот,

Санаамды кантип жо¸мун,

Эмгегим калган кайран жер Эстебей кантип ко¸мун.

Кырка тиккен сары тал, Алманбет сайган тал ошол.

Карарып турган кара там Атакем тулпар байлаган Ата кыры, жери ошол.

Куурап калган арбайып,

Ортодо турган чоң чынар

Асыл энем Алтынай Мени тууган жер ошол. Ал чынардын тамыры Такыр куурап калыптыр. Төбөсүндө чачырап,

Жалбырагы калыптыр. Энем айткан кеп эле:

«Кокус, кайра сен келсең,

Тукум калса өзүңдөн,

Чынарыңдын түбүнөн

Чырпык чыгат!», деди эле,

Кайсы бирин айтайын,

Бузулуп кетээр санаа бар,

Эркек болсо деп тилейм,

Курсакта калган бала бар,

Зор кытайдын чегинде,

Туулуп өскөн жеримде Кармашып жүрүп мен өлөм,

Ушундай дайым түш көрөм.

Көз ачып көргөн жубайым Суйкайган сулуу Аруукем Кабылбасын талашка. Аман жетсең Таласка

Жесир калган жеңеңди

Аялдыкка өзүң ал, Төрөлсө эркек баласы, Асырап өзүң багып ал.

Айланайын Сыргагым,

Ичимде бар арманым,

Эсенкандын колунда

Бурулча деген кызы бар, Ошону сүйүп калгамын.

Ант беришип калганбыз,

Алманбет качан келет деп,

Күтүп жүрөт арман кыз,

Кудалап келген кандардын Бирине да барган жок.

Бурулчамды бир көрүп,

Анан өлсөм арман жок,–

Деп буркурап Алманбет

Эр Сыргакка шумбул тон

Кийгизип дароо салганы. Кытай кандын артынан

Калбай ээрчип сактаган Жигити болуп калганы.

Ийри-буйру суу менен,

Ит жойлобос жол менен Келе жатат баатырлар Кайың деген төр менен.

Ошол төргө барганы,

Көкөтөйдүн ашында

Жоого кеткен жылкыны Баатырлар тааный калганы.

Шаты-Кечүү, Таш-Кечүү

Алманбет билген маш кечүү, Кечүүдөн кечип барганы. Жылкы айдаган Карагул Алдынан чыга калганы, Жай сураша салганы:

  • Асмандагы булуттайАркы-терки айланган Алп мүчөлүү сен кимсиң?

Качыруучу жолборстой

Марап турган сен кимсиң? – Кытайча сүйлөп кыжылдап, Кырааның Алмаң айтканы:

  • Шаарым менин Чынмачын,

Кангурлардын калкымын.– Бакбурчунга падыша Бир атадан жалкымын.

Торайгыр минген Карагул Бура тартып алганы,

Сырттан Сыргак баатырга Көзү түшө калганы:

  • Кытайбы деп ишенип,Кала жаздым өзүңө.

Жолдош болгон жигитиң

Кайраты ашык мунуң ким? Анда Алманбет айтканы:

  • Атасы мунун зор улук,Какандан келди чунагы,

Кыйкырсаң, укпайт кулагы. Сүйлөсө тили булдурайт.

Дайыны жок кулдурайт.– Жаалы катуу Карагул Жакындабай кеп сурайт:

  • Коштогонуң күрөң ат

Кандай жылкы? – деп сурайт. – Бекер куйрук-жал эмес,

Бээжиндиктин малы эмес! Эр Алманбет кеп айтат:

  • Ээ, абыгый! – деп айтат,–Чабуулдан түшкөн ат экен Коштоп жүрүп нетейин?

Кошуп коюп жылкыңа,

Кайра келе жатканда,

Коштоп алып кетейин.– Ошол замат Алманбет Шыпырып алды жүгөндү. Атырылып Карткүрөң Жылкыны көздөй жөнөдү. Окуранып, жытташып, Үйүрүн таанып калды эми. Шекшип калган Карагул, Атына камчы салды эми. Буркуратып тозоңду Кентунга жөнөп калды эми.

Болот учтуу найзаны

Колуна алып Алманбет

Кагып-кагып алганда,

Аралдагы жылкыга

Ышкырып айгай салганда. Астына түшүп жылкынын Карткүрөң жөнөп калды эми. Оорукка чапкан Карагул Түркүгү алтын чатырга Коңурбайга барды эми.

  • Буруттар келип жетти! – деп,–Жылкысын айдап кетти! – деп, Канына кабар салды эми.

* * *

Аларды таштап салыңар, Манас менен Чубактын Кабарын угуп алыңар. Базартоонун оюнда, Маралдуу-Суунун боюнда:

  • Алманбет, Сыргак нетти? – деп,

Не кечигип кетти? – деп,–

Эр Чубакты жиберип,

Аттан түшүп эр Манас Эс алганы жатыптыр. Нечен күнү уктабай

Кирпиги жаман катыптыр.

Алп уйкуга батыптыр.

 

СОГУШТУН БАШТАЛЫШЫ

Этеги жайык көк күбө

Эр Коңурбай ушу дөө

Бети бышкан өпкөдөй,

Сакалына караса,

Сарапты тешип өткүдөй, Көзү өгөгөн темирдей, Мурду тоонун сеңирдей. Кабак-кашын карасаң,

Чала күйгөн токойдой,

Эриндери чунактын

Жылкычы кийген чокойдой, Кайратына карк толуп, Бакырды жолборс баштанып: – Кызыталак буруттун Сазайын колго берейин! Сакал менен мурутун Санап туруп терейин!

Талпагын ташка керейин! Кайрып жылкы айдаптыр, Бири да мага калбаптыр! Кайратын эми көрөйүн!

Журтумду коргоп буруттан

Ар-намыс үчүн өлөйүн! – Алгара минип Коңурбай Камчылап жолго салыптыр.

Калмак, кытай кылкылдап, Жер союлуп былкылдап, Артынан жөнөп калыптыр. Көргөндө муну Алманбет Эр Чубакка айтат кеп:

– Астынан тосуп алайын,

Жалгыз өзүм калайын,

Жакын кирип келгенде, Калдаңдап качып калайын,

Как тушуңа келгенде,

Өзүңдөн өтө бергенде,

Капталынан жете көр,

Калабалуу Коңурду

Ыргыта сайып өтө көр! – Жал-Камыштын ичине Баатыр Чубак барыптыр, Найзасын колго алыптыр.

Алгара менен алкылдап,

Тоту куштун куйругу

Аркасында калкылдап, Келе жатат Коңурбай.

Аркасында чуркурап, Чаң созулуп буркурап, Кошууну келет дүркүрөп.

Жааган күндөй күркүрөп.

Коңурбайды көргөндө,

Эр Алманбет бакырды,

«Баатырсынган чочко!» – деп, Коңурбайды качырды. Кырмуз шаанын Мурадыл Алдынан чыгып калганы.

Мурадылдын найзасын Кагып ийип Алманбет

Төшкө найза салганы. Каңгайдын кыйын балбаны – Кырданып кетип калганы. Мурадыл калды жыгылып, Чаңга башы тыгылып.

Жете келип Коңурбай

Атына камчы салганы, Коңурдун арка жагынан Кошууну жүрүп калганы. Калың кошуун кыжылдайт, Кара курттай быжылдайт.

Ушаң менен Бороончу, Улуктун бири Нескара Бакырыгы баш жарат, Айкай үнү таш жарат.

Болжошкондой Алманбет Аяттын кара суусуна Калп эле качып кеткени. Акбалтанын Чубагы

Качырып келип Ушаңга

Найзасы менен жеткени,– Калдайган чоң Ушаң дөө Камгактай учуп кеткени. Ушаңды сайган Чубакка Бороон дөө найза салды эми. Эр Чубактын этине Кан куюлуп калды эми.

Айбатын салып Алманбет,

Кайра тартып бакырды

Чубакты сайган Бороонго

Найзанын учун батырды,

Алманбет менен эр Чубак Артына качып калыптыр. Ажылдаган көп каңгай Айгайлап кууп алыптыр.

..Аны көрүп, эр Сыргак

Алдындагы Көкказык

Атка камчы салганы,

Болот учтуу найзаны

Имере кармап алганы,

Токшигердин Бозкертик Алдынан чыга калганы. Эр Алманбет баатырга Тайманбай найза салганы. Кыраан Сыргак бакырып, Кырдан чыкты атылып. Капталдан көрүп Сыргакты Кайра тартты Бозкертик.

Кабылан Алмаң баатырдын Мойнунда экен жарасы.

Чамбыл ала чаң болду, Соот, чопкут жакасы Кызыл ала кан болду.

* * *

Маралдуу – суунун жээгине,

Чарчаган Манас эс алып, Уктап жаткан жерине Бакырып Чубак барыптыр.

Козголуучу Манас жок Коңуругу таш жарып, Коркурап уктап калыптыр.

«Калмакты Кудай урду,– деп,– Катүгүн, төрөм, тургун!» – деп,

Көтөрүп алып көк жалын,

Ко¸ берсе, далк этип, Өлүп калган кишидей Жыгылды Манас шалк этип.

Ойгото албай Манасты

Айласы кетип эр Чубак

Атына мине салганы,

Найзаны колго алганы,

Качырып келип Манасты, Как сооруга малганы. «Эмне болуп кетти?» – деп, Эр Манас чочуп алганы. Чиркей чаккан эмедей, Ошондо да кебелбейт.

Анда Чубак кеп айтат, Ашыгып сөзүн бек айтат:

– Наалат күн, төрөм! – деп айтат.–

Кадимки Кытай жер болсо,

Кармашаарың, баатырым,

Кан Коңурбай эр болсо,

Уктай турган бу жерби?!

Эчтеме албай оюңа,

Таласыңдын боюнда,

Каныкейдин койнунда,

Колуңду артып мойнуна, Бейкут жаткан эмедей, Не жатасың кебелбей?!

Таласка тиккен бак барбы? Дардайып жатар чак барбы?!» Анда Манас кеп айтат: – Ашыкпа, Чубак,– деп айтат. – Урунбай жүргөн тоо барбы?

Урушпай жүргөн жоо барбы? Жоо болсо, биз нетербиз.

Уруша чыгып кетербиз! – Ал сөздү айтып баатыры Ашыгып койбойт акыры.

Кенебейт да, кебелбейт,

Айбаттуу айкөл Манаска

Эч кандай адам теңелбейт. Анда Чубак эмне дейт: «Аты да Манас турбайбы, Заты да Манас турбайбы. Өзү да Манас турбайбы.

Манас болсо жолборсум, Алманбет болсо, жолдошум!

Кол келди деп калмактан,

Корксом Кудай урбайбы!»

Бар жарагын байланып,

Жоо жарагын шайланып,

Атышар жоого камынып,

Арыстандай чамынып,

Айманбоз минип болкоюп,

Сыр найза колдо койкоюп,

Бууданга камчы салганы,

Алманбет менен Сыргактын Арыстан менен эр Чубак Алдынан тосо барганы.

Кароолу ажал, огу ажал Касиеттүү Аккелте Астынан тосуп бир койду. Аламан келген көп кошуун Кайра тартып дыр койду.

Алманбет, Чубак, Эр Сыргак

Башынан түтүн арылбай,

Мылтыктын үнү басылбай, Мөндүрдөй түштү аткан ок, Милтенин баары – кызыл чок. Бууп жолун алганы, Буудандар уруш салганы.

Алманбет баатыр Сыргакка

– Мурунку келген жол жакка,  Чаба көр! – деп бакырды.

«Барбаймын» – деп айта албай,

Алманбет сөзүн кайтарбай, Кайра тартып кошуунга Эр Сыргак жөнөп калды эми.

Алманбет, Чубак, Манасы

Көңкү кыргыз баласы

Алдынан чыккан кытайды Үчөөлөп тосуп калды эми.

Алпын көрсөң, андан көп, Баатырлары сандан көп, Дөөлөрүн көрсөң, андан көп.

Алптын зору анда бар,

Айдаган койдой жайнаган Калктын көбү анда бар.

Эр Коңурбай зардал бар. Кызыл чоктуу Нескара,

Кара жалдуу Бороончу, Каңгайлардан Ороңгу,

Доңуз мүнөз эр Жолой,

Токшигердин Бозкертик,

Колун айдап которгон

Солобонун Соорондук

Түпөктүү найза кылкылдап, Дүнүйө жүзү былкылдап, Кошуунга толуп алыптыр. Көптүгүнөн жол тийбей,

Жол тийсе да мол тийбей,

Шыкалып кошуун турушуп,

Атыш, чабыш – калаба Өз-өзүнөн урушуп, Шыкырап кошуун калыптыр. Бер жактан үч баатырдын, Жолун бууп салыптыр.

Келберсиген чоң Жолой Келген экен жаңыдан,– Кездешкен душман табылган.

Жакыптын уулу Манас деп,

Каршы алдынан жолукса,

Калбас эле жаны деп, Кетер эле саны деп,

Жолго Жолой салыптыр.

Жолойго Чубак жеткени,

Ачбуудан аттын үстүнөн Алиги Жолой баатырың Аңтарыла кеткени.

Каңгай кызы Ороңгу

Көсөм Чубак баатырды Көмө коюп кеткени.

Калабалуу Чубактын

Чылбыры белге байланып,

Баатырдын аты Көгала Эр Чубактын үстүнөн Тегеренет айланып.

Чабышып жаткан Алманбет,

Бура тартып караса, Буйдалып Чубак калыптыр. Жанына Алмаң барыптыр.

Алтын кемер, бото кур,

Аткый кармап алыптыр. Акбалта уулу Чубакты

Сырттан Алма баатырың Өлүмдөн сактап калыптыр.

– Арзан көрбө бурутту, Эзелден бери көрбөдүм Ушундай өжөр журутту!

Үчөө десем миң окшойт, Үчөө тең бирдей пил окшойт. Жандан тойгон жан окшойт! Ашына барып буруттун Олжолоп жылкы алганбыз.

Күчкө ченеп иш кылбай

Балакетке калганбыз! – Бу сөздү айтып Коңурбай,

Үч баатырдан өтө албай, Улуу черүү кол менен, Буйдалып токтоп калды эми.

* * *

Муну ко¸ салыңар,

Кыргыздардын кошуунга,

Мурунку кеткен эр Сыргак, Кабарын угуп алыңар!

Абакеси эр Бакай

Алманбет чалгын чалды деп, Сыргакты жолдош алды деп, Жолу каткан Манасың Жоголуп кетип калды деп.

Кеткен жагын көрмөккө,

Жолго чыкты эр Бакай

Ак сеңирдин жонунан

Апкаарып келген Сыргакты Абакең тосту жолунан.

Чамбыл ала чаң болуп Кызыл-ала кан болуп

Ашыгып калган, эби жок,

«Аба-аба-аба!» – дейт, Андан башка кеби жок.

Ашыгып коркуп алыптыр, Алты, жети кайталап, «Абалап» сүйлөп калыптыр.

Ошондо келип ачуусу, Абакеңиз эр Бакай Оройто камчы салыптыр: – Ачылып келген көзүң жок, «Абадан» бөлөк сөзүң жок! Капкасы болот коргону,– Кабылан Манас оо барбы?

Алманбет, Чубак соо барбы? Анда Сыргак кеп айтат:

– Ажакемдин Карткүрөң

Баштап жылкы алганда,

Үйүрүн таанып кошкуруп,

Кайра жолго салганда,

Туш-туштан чыкты душмандар Кара курттай куюлуп.

Мылтыктын калды огуна, Курчоодо калды баатырлар Жалын менен чогуна!

«Калың кыргыз тобуна Барып кабар бергин» – деп, Алманбет буйрук кылганы. Келип калдым мында,– деп,– Эр Сыргак айтып салганы.

– Капсалаң салчуу баласың,

Кытай курчап калды,– деп,–

Кыйкырып колго сен барсаң

Аскерге бүлүк саласың! – Бул сөздү айтып эр Бакай,

Боз жорго атын чайпалтып,

Ак сакалын жайкалтып, Жөнөп калды кошуунга.

Жай бастырып жөнөлүп,

Шашпаган киши өңдөнүп,

Калаба көрбөй келгендей

Кайран Сыргак зымпыйып, Шек алдырбай калыптыр, Кошуунга экөө барыптыр.

Абакең Бакай баркылдап, Ак сакалы жаркылдап,

Кошуунга минтип айтыптыр: – Кудай берип салыптыр!

Чалгынга кеткен баатырлар Куруп калган кытайдан Жылкыны кайрып алыптыр!

Үргүлтүп айдап жүрө албай,

Олжону бүт алалбай Аргасы кетип кайтарып Үч баатыр анда калыптыр. Сырттандар эрте келсин деп, Сыргактан кабар салыптыр!.

Эр Бакайдын айтканын

Баатырлар угуп дүрбөштү

Биринен-бири уулашып,

Миңи, саны чуулашып,

Аттарын оттон алышып,

Кылычты курга байланып,

Баарынын көөнү жайланып,

Калкандарын тартынып,

Бет алышкан душманга

Бел булуттай айланып,

Жөнөп калды дүрбөшүп,

«Аттана көр, жүр!» – дешип,

Кыргыздан чыккан кырк бөрү,

Абасы Бакай карысы,– Арыстандардын баарысы

Күлүктүн бели ийилген,

Көрсө, көңүл сүйүнгөн, Көйбаатырлар жөнөдү

Көпкөк темир кийинген,

Алтын айчык туу аштап,

Кызыл туу колдо буластап,

Абаң Бакай жол баштап,

Эр Сыргак жолго салыптыр, Арбай-дүрбөй көп кошуун

Казатка жөнөп калыптыр.

 

КОҢУРБАЙ МЕНЕН МАНАСТЫН БЕТТЕШҮҮСҮ

Коңурду Манас көргөндө

«Тирешкеним келди, – деп,

Тилекти Кудай берди,– деп,

Соксоңдогон шум калча

Соо кылбасмын сени» – деп,

Атына камчы салыптыр, Манас менен Коңурбай Маңдайлашып калыптыр.

Арыстан Манас баатырың

Кытайдын ээр кашына, Как жүрөктүн башына Айкырып найза салганы.

Найза төшкө так этти,

Чарайнага чак этти,

Алаптаган Коң төрө

Нардай болгон кара аттын Соорусуна шылк этти. Ал аңгыча болбоду,

Чоктуу кара Бороончу Артынан келип байкатпай, Манаска найза салды эми.

Найза тийди бооруна, Атынын кетип сооруна, Эр Манас атын теминди.

Коңурбай келип өзүнө,

Аламын деп кегимди,

Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүрдөй кылып ок атып, Артынан түшүп алды эми. «Мөңдү, мөндү, мөндү!» – деп, Чуулдаган андан көп.

«Жабуу, жабуу, жабуу» – деп, Жабууланган сандан көп.

Асты жагы Иткечпес

Аргасы кетип эр Манас Айманбозду камчылап

Дайраны көздөй чапты эми.

Имерилген Кара-Суу. Аргымак түшсө, ойнобойт, Найза салса, бойлобойт. Үйдөй болгон кара тал Тамыры менен суурулат. Дөңгөчтөй болгон балыктар Камыр болуп жуурулат.

Айгайлаган калмактар

Жамгырдай кылып жаа атып,

Жалгыз эрди жадатып,

Айкөлгө жетип чурулдап, Найза сайып жыга албай,

Кабылан Манас баатырың Көл-Кечүүдөн чыга албай, Аты менен агыптыр.

Алманбет, Чубак – эгиз эр,

Атка камчы салыптыр, Аркасынан баатырдын Экөөлөп кирип барыптыр.

Жамгырдан бетер жаа атып,

Жазайыл мылтык дагы атып,

Мөндүрдөн бетер ок атып,

Алманбет, Чубак артынан, Келип калды дайрага Жан-жагына жабылып.

Айбалта кылыч чабылып, Өжөрлөнүп көп кытай, Өмөлүп кирди артынан.

Көл-Кечүү болду кызыл кан, Коргонуп жаткан кытайдан, Согушка кирди канча жан.

Көл-Кечүүдөн Айманбоз

Агып кетип баратыр.

Ар жактан келген Коң төрө Көзөмөлдөп баатырды Багып кетип баратыр. Найза бою келгенде Бет алдынан баатырдын Коңурбай найза салганы. Өлчөгөн көзгө найзаны Учунан Манас кармады. Темири Манас колунда, Сабы баатыр Коңурда,

Алгара менен Коңурбай

Кургакты басып алыптыр, Айманбоз менен эр Манас Сууга сүзүп калыптыр. Коңурбайдын найзасын Жулуп Манас алыптыр.

Жулдурган соң найзасын Журтун көздөй бет алып, Коңурбай качып калыптыр.

Коңурбайын качырып,

Колдун четин жапырып,

Алманбет, Чубак – эгиз эр

Чаңды обого сапырды, Камалап келген кытайды Кайырып кайра жапырды. Айманбоз суудан чыкканда, Кошуундун асты жеткени. Азаматын шайдооттоп,

Аргымагын жалпооштоп,

Аккула атын бош коштоп Абакеңиз эр Бакай Манаска жетип калганы.

Аккуладай тулпарды – Айбандан бүткөн шумкарды Арыстан баатыр Манастын Астына тарта салганы.

Кырк баатырдын баарысы

Кыргыл баштап карысы,

Калың кошуун, түмөн кол Кыйкырып кирип калышты. Аткычылар жаа чоюп,

Мылтыктын огу тарсылдап,

Доолдун үнү карсылдап,

Саадактын огу шаркылдап,

Кылычтары жаркылдап,

Асаба желек жалтылдап,

Каптап кирип калганы, Бири бура тартпастан Жалпы кирип барганы.

 

Аларды ко¸ туруңуз,

Арыстан Манас баатырдын Астындагы тулпардын Аңгемесин угуңуз!

Маңдайында багы бар,

Ай караңгы түн болсо, Туман баскан жылчыксыз. Жер көрүнгүс күн болсо, Кулагында шамы бар.

Айсыз түндө бөлүнгөн,

Караңгыда жол тартса,

Кулагынын шамынан

Жоо жоголбой көрүнгөн Астындагы  Кулага Камчыны Манас салды эми.

Даугер уста Бөлөкбай

Жай, кышында кадаган,

Учун кайкы чыгарган,

Уу булактан сугарган,

Түн ичинде суурса,

Өрттөй жанып кызарган,

Уруштуу күндө узарган,

Ободогу мунардан

Арып менен сугарган,

Ажыдаар заарына

Үч ай таштап чыгарган,

Тоого чапса, таш кескен,

Шиберге койсо, өрт кеткен,

Шилтегени мүрт кеткен

Кылычты колго алды эми, Аккула менен чуратып, Кытайды беттеп калды эми.

Айбаты башка көрүнүп,

Асманга тозоң бөлүнүп,

Айкырып баатыр киргенде

Кытайдын чети сөгүлүп,

Аккула менен чуратып,

Астына каршы келгенди

Сыр найза менен сулатып,

Алыскысын найзалап,

Жакыныраак келгенин

Ач албарс менен кайсалап,

Оң көзүнөн от чыгып,

Илебинен оп чыгып,

Сол көзүнөн чок чыгып,

Аккелтеден ок чыгып,

Алыска, жуукка айныбас,

Ортосу болот, оозу албарс,

Түтүнү туман, түбү ыспан,

Кароолу жаал, огу ажал

Аккелте мылтык күркүрөп,

Астын баштап кошуундун, Акырып баатыр киргенде, Качты кытай дүркүрөп.

Жебенин огу зыркырап,

Тийген жери быркырап,

Кан төгүлүп шыркырап, Калаасын көздөй бет алган.

Темири кулач сыр найза

Теминип кирген баатырлар Теше сайып мылгытып,

Тебетей сайган немедей,

Кыжылдаган каңгайды

Тегеретип ыргытып,

Урушууга жарабай,

Каңгайлар качып калыптыр,

Кара кытай, көп каңгай,

Эч бир кайрат кыла албай, Жайнап качып калды эми. Күн экени билинбей,

Асман ачык, жер бүркөк,

Жердин бети көрүнбөй,

Кара жер топон чаң болуп,

Адамдын баары дал болуп,

Күрпүлдөктүн чоң дайра,

Мунарык болуп көрүнбөй,

Чоң дайранын суусуна

Калмак, манжу киргенде

Кайсы экени билинбей,

Күрпүлдөктөн кече албай,

Аман-эсен өтө албай,

Сууга кетти көп каңгай, Кошуунуна жете албай.

Кыргызга кыргын салам деп,

Буруттун жинин кагам деп,

Ойлонгон экен Коңурбай,

Айтса, бүтпөс, бир жомок, Аягы болду момундай.

ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ МАДЫКАН

Көк букачан Мадыкан

Маңдайда жалгыз көзү бар, Келип калган кези экен.

Ошончо калың каңгайдан Бул Мадыкан артык эр

Ок өтпөс темир калканды Кийип алган кези экен.

Башында жалгыз мүйүзү, Чоңдугу тоодой Көкбука Минип алган кези экен.

Астындагы буканын Желгенине жел жетпейт, Алышкан менен ал жетпейт.

Бука минип күүлөнүп,

Манасты тилдеп сүйлөнүп Кез келгенин талкалап Кирип келди согушка.

Казылган чуңкур аңды көр,

Каршы-терши жыгылып,

Калмак менен кыргыздын Өлүктөрү жыйылып, Туйлап жаткан жанды көр!

Алманбет, Чубак, эр Бакай,

Сыргак менен Ажыбай,

Жалпы берен кырк чоро Мадыкандай балбанды Тегеректеп алганы.

Көкбука менен Аккула

Катар жүрөт жарышып, Камыкпастан эр Манас Мадыкан менен салышып.

Алманбет, Сыргак баатырлар

Тегеректеп калганда,

Бирдей найза салганда,

Зың-зың этип тийген жер,

Сайганын билбейт Мадыкан, Кан Манастан башкасын Көзүнө илбейт Мадыкан. Букасына камчы уруп, Буркурай түшүп күркүрөп. Оозунан жалын дүркүрөп, Кошколдоп саят Мадыкан. Өрттөн кайра тартпаган,

Жоодон коркуп качпаган Каңгайлардын Мадыкан Качырып калды Манасты. Кыраан Бакай баатырың Каптал жактан жанашты. Кан Бакайдын соңунан

Айбаттуу баатыр Алманбет Мадыны сайып өттү эми.

Кабылан Манас канкоруң,

Сайышка чыкса сан колуң Аккула менен зыргытып, Мадыканга жетти эми. Көкбуканын үстүнөн Көмө сайып өттү эми.

Камданып турган эр Сыргак Алдындагы буканын Башына чаап кетти эми.

Букадан Мады түшкөндө

Абакеңиз зор Бакай

Ач болотун колго алып,

Мадыканга жетти эми,

Кылычы менен бир шилтеп, Башын кесип кетти эми.

Чет Бээжин карай бет алып,

Кара туусун көтөрүп,

Калмак болуп калдырап,

Кытай болуп балдырап, Качып Алмаң калганда,

Бул амалды салганда,

Темир торун жыя албай,

Теги кытай, көп манжуу

Тең болуп уруш кыла албай,

Чаң асманга буркурап,

Кара кытай, көп манжуу

Качып калды дыркырап. Каарданып кан Манас Чамдап калган кези экен. Тегерегин эр Чубак Айдап калган кези экен. Бир жак четин зор Бакай Сүрүп айдап баратат.

Бирин артка таштабай,

Берен Сыргак кырааның

Ары жагынан бир чыгып,

Бери жагынан качырып, Кара кытай, манжууну Түрүп кетип баратат.

Калың колу чуркурап, Баары жалпы качкан жер. Талаага өлүк жан толуп, Далай тулпар бош калып, Чылбырын тепсей баскан жер.

Кебез белбоо, кең өтүк,

Кечилдин каны Коңурбай,

Астынан чыгып Манастын, Алгара оозун бура албай,

Айбаты артык көк жалдын

Кашына каршы тура албай,

Кыйкырып найза суна албай,

Кымындай такоол бере албай,

Ээр белдей белести

Ашып калган кези экен,

Манастын каарын көргөндө,

Шашып калган кези экен, Каңгайды көздөй дыр коюп, Качып калган кези экен. Кара жанын аябай, Качып барат Коңурбай. Ит жүрбөс кыя, далай бел Ашып барат Коңурбай. Чет Бээжиндин салынган Капкасына жакындап.

Жанын таштап эр Манас Калчаны кууп калганын Алманбет баатыр көрдү эми. «Капкага кирсе кан Манас,

Кытайды Кудай урат,– деп,–

Арыстан эрди өлтүрүп, Өрт өчкөндөй кылат» – деп, Артынан жөнөп калды эми.

Дарбазага кирерде,

Кара кытай, манжуунун

Колуна Манас тиерде,

Дарбазаны жабаарда,

Кара кытай, көп калдай,

Манастын башын алаарда,

Жебеден мурун жетти эми,

Жетип келип Алманбет,

Энтиктирип, жулкунтуп,

Эр Манасты булкунтуп, Илип алып чылбырдан Кайра тартып кетти эми.

Арыстан Манас баатырың

Эсине келип калды эми, Оолукканын токтотуп, Туу түбүнө барды эми.

Өлгөндөн калган калың кол

Чогулушуп алышты, Доолбасты кагышты,

Калк эсебин алышты!

Элүү башы, он башы,

Жүзү менен миң башы Эсеп кылды кыйласы.

Нечен мыкты киши жок.

Эл эсебин алганда Музбурчак менен Көкчөнүн, Жоокеринен далай жок.

Шыгай менен Бокмурун,

Ок жаңылып аты өлгөн, Аттары өлүп, өзү аман, Жаралуу болгон далай жан.

Кошой менен Үрбүнүн

Калдайган канча тобу жок, Жарымчалык колу жок.

Жалпы эсепке киргенде, Жеке жоктоп келгенде, Элемандын Төштүк жок. Кырк чорону жоктосо, Белгилүү берен Чубак жок.

Кайгырды Манас күпүлдөп, Тоодон учкан чоң таштай Жүрөгү ооруп дүпүлдөп:

– Чубак менен Төштүк жок,

Канатымды чалдырып, Кайратымды алдырып,

Кара кытай, манжуудан

Өч албай кантип кетемин, –

Кытайдын жерин талкалап

Өч албаса нетемин!? – Атаны кайран эрлер! – деп, Муңканып Манас айтты кеп.

Асмандан жылдыз бириндеп,

Талаанын жели дирилдеп,

Тараза жылдыз батканда,

Таң кашкайып атканда,

Уйкудагы калың кол Жаңыдан туруп жатканда,

Манжуунун колун башкарган

Нескараны баш кылып,

Кырк төрөсүн каңгайдын Чубак айдап алыптыр.

Хан Манастын алдына, Туткунду айдап барыптыр.

Жаны кейип үрпөйүп,

Колго түшкөн бечара

Жалдырап турат Нескара, Көргөндө эр Манасты.

  • Какчаңдаган Нескара

Кең-Кол менен Таласты Талап алам дечү элең!

Кыргыздын каны Манасты! Байлап алам дечү элең! – Деп туруп баатыр Манасың

Кынынан алды кылычын, Так ошондо Алманбет Кармады колун Манастын:

  • Кызыл кыргын майданда

Колго түшкөн ко¸нду Нескарадай о¸нду Өлтүрмөк бизге не пайда? Нескараны кармайлы, Кырк төрөсүн камайлы!

Бээжинге элчи жиберип Не дейт экен  Эсенкан Тамырын тартып билелик! Абасы Бакай баш болуп, Кеңеш кура салды эми.

«Алманыкы туура» – деп

Бардыгы айтып калды эми.

* * *

Чоң Кытайдын төрүнө

Түп-Бээжиндин өзүнө,

Бүт кандыкты кармаган Карыкандын үстүнө Жеткен экен Коңурбай: – Чет-Бээжинди кыргыздар Камады адам чыгарбай. Кармашканда кан өлдү, Караламан баары өлдү!

Кулагы темир Чоңбалбан, Кутан алп баары жайланды! Кырк төрөсү баш болуп,

Манжуунун каны Нескара Колго түшүп байланды!

Кара калмак калкыңдан Кайран Жолой кан өлдү! Төмөнкү шибээ канынан Ылама балбан дагы өлдү! Манасың кыйын эр экен, Шай колдогон шер экен! Бир караса, бир киши,

Айкырып найза сунганда,

Арстан жолборс сүрү бар,

Каарданган, миң киши! –

Деп ушинтип Коңурбай,

Чоң канына барганда,

Көөдөнгө батпай көп санаа,

Кытайлардын Коңурбай Көзүнүн жашы он талаа:

– Алманбет деген чыккынчы

Айдап келип кыргызды

Өз элине кол салды, Өлтүрүш керек айбанды!

Уксаңыз мени, кан-төрөм,

Куу чечимге келели

Кан көтөрүп Манасты, Чет-Бээжинди берели.

Жеңишине маш болуп,

Дардалаңдап мас болуп,

Күрүчтүн күчтүү арагын

Ичип алып мас болуп,

Күүлөнүп кызып жатканда

Катынсаак кыргыздар

Тартууга берген кыздардын

Кумарына батканда,

Чоролор чардап жатканда,

Кытайды бүт көтөрүп Манасты курчап алалы, Бээжинден бирин чыгарбай.

Бардыгын кырып салалы

Чогулса мерген – көзгө атар, Башында болуп Шыпшайдар Аттарын атып кулатат.

Бир-бирден терип чоросун Чекеге атып кулатат!

Ашып кетсе  Бээжинге

Алты ай Манас кан болоор,

Андан кийин жай болоор! – Бул акылга Эсенкан Ынанып калды абыдан.

Чет-Бээжинди Эсенкан

Мунарга чыгып караса,

Темирден көпкөк тон кийип,

Тегиз тулпар ат минип,

Түбүнө азыр жетчүдөй,

Ко¸ берсе, Кытайды

Азыр бузуп кетчүдөй

Текши бурут камынып,

Тепсеп кетээр немедей Тегеректеп жабылып,

Турган экен кыргыздар.

Мындайды көзү көргөндө

Жүрөгү түшүп кыргыздан,

Эмне десе буруттар Көнмөк болду Эсенкан. Чет-Бээжинди Манаска Бермек болду Эсенкан.

Алача келин, сулуу кыз

Айдап берип тартууга, Кан көтөрүп Манасты, Жан соогалап калууга Мажбур болду Эсенкан.

Зумурут, көөхар, шагыл таш

Эки миң төөгө артылып

Дүнүйө тартуу тарттырып,

Тогуз миң сулуу кыз алып, Тобунан чыккан уз алып,

Тартууга калды баарысы. Анжияндан качырган Алооке баштык карысы Капкадан чыкты Манаска:

– Журтту бекер кырба? – деп,–

Эр Манастын алдына

Тартуу тартып суранып. – – Чет Бээжиндин кандыгын

Сизге бердим, эр Манас, Туткундарды өлтүрүп, Сындырбаңыз белимди. Куру бекер кан төгүп

Ыйлатпаңыз элимди.

Айтканыңа көнөйүн, Кыргында өлгөн аскердин Кундарын толук төлөйүн!

Кеңири таштап пейилди! –

Кароол кандын баарысы

Таазим кылып Манаска

Кулдук уруп ийилди,

«Тийген найза сынсын,– деп Душман да болсо жыгылса,

Кордобо, көөнү тынсын!» – деп, Карыя Бакай кеп айтты:

– Кабыл кылгын тартуусун,

Кытай деген кандуу журт,

Качантан бери камдуу журт, Кытай деген кылым журт, Кырааным, менин сөзүм тут. Багынып келди акыры Кытайдын кан баатыры! Кечирим сурап келген соң, Кырып ийсек не болот? Алты канды чогултуп, Акыл кылсак не болот? Акылдашып алалык Жоодуратпай буларды Жообун берип салалык.

Арстан көндү акыры

Туура келди Манаска Аксакалдын акылы.

* * *

Кырк жылы сууга чыласа,

Кыярып өңү оңбогон Алтын түстүү килемди Алып келип жайды эми.

Айкөл Манас султанды Ак килемдин үстүнө Отургузуп алды эми.

Кан Эсенкан баш болуп, Көтөрүп алып барды эми.

Алтын такка мингизип, Манасты Чет-Бээжинге

Кан көтөрүп салды эми.

Ойлору чыгып оңунан

Олжосун алып Эсенкан Өз буйругун берди эми:

Курчтун жайын билүүчү

Усталарын жыйды эми,

Кылыч, найза чаптырды,

Учуна ууну жаптырды,

Кандарына, болушка

Коңурбайды баш кылып Даярдады согушка.

* * *

Үзүкпөй калпак Шууту, Желмаянды камчылап Жетип барды Таласка:

«Бээжинге Манас кан болуп, Алтын такка минди» – деп, Сүйүнчүлөп, бакырды. Укканда бул кабарды, Каныкей өксүп ыйлады, Көзүнүн жашын тыйбады: – Бээжинди алды дегенче, Бейпайга калды десеңчи! Алтын так минди дегенче, Ажалы жетти десеңчи!

Бээжинге туруп кан болсо, Кыраандардын баарысын Кытайга курман чалдырат! Алдындагы тактысын Коңурбайга алдырат.

Чет-Бээжинде мерт болсо, Артында эркек бала жаш, Арка кылаар тууган жок, Агайындын баары кас!

Аны сезбейт шер Манас,– Кайгырып ыйлап Каныкей Үзүктөй калпак Шуутуга

Алты күлүк ат берди. – – Кайта бачым баргын! – деп, Алакандай кат берди.

* * *

Таластан кайтып Кытайга Шууту келди Манаска: – Төрөлгөн уулуң Семетей Балтыр бешик болуптур.

Зайыбыңыз Каныкей

«Таласка тездеп кайтсын, – дейт, Бели катуу Бээжинден Курман болбой качсын» – дейт.

Үзүктөй катуу Шууту

Ушинтип айтты Манаска Айкөлүң тилге көнгөн жок. Таласка кайтып кетүүнү Оюна көкжал илген жок.

Алты кан келсин, деп айтты, Чогулганда калың калк Эр Манас мындай кеп айтты: – Айланайын баатырлар, Угуп койгун баарыңар!

Чоң казатка келгениң Менден болсо зомбулук Келечек үчүн кечиргин! Журт алдында, баатырлар, Аткардык ыйык милдетти! Кан төгүшүп, арманда

Канча баатыр шер кетти.

Каңгайдан биз өч алдык. Кудай өзү кечирсин!

Болбосун эми жамандык

Чаалыктым чарчап дегениң,

Улгайган жашка келгениң,

Азыр кайткын жериңе. Деп ушинтип эр Манас Жардык салды элине.

Укканда муну баатырлар

Жер жаңыртып кубанды,

Батасын берип Манаска, Эр Бакай өзү баш болуп Жөнөп калды Таласка. Журтума жетип өлсөм деп, Аттанды Кошой элине. Элемандын эр Төштүк, Нойгуттардын Акбалта Алар да кайтты жерине.

* * *

«Буруттун көбү кетти» деп, Кытайга дароо даң болду.

Укканда муну Коңурбай

Жаңылыкка таң болду,

Сугарып ууга жалаткан

Түпөгү алтын найзаны

Асемдеп колго алды эми,

Күндүзүндө тынчы жок, Түн ичинде уйку жок, Манасты аңдып калды эми. Кылыч жанда кыңгырап,

Айбалта белде шыңгырап,

Алгара минип Коңурбай

Чет-Бээжинге барыптыр, Кан сарайды кайтарган Чоролор уктап калыптыр.

Басканы жанга билинбей Сарайга Коңур барыптыр.

Ичиндеги Ажыбай

«Тыштан душман келбейт» деп, Найзасын жерге сайыптыр.

Карткүрөңдүн үстүндө Ал дагы уктап калыптыр. Агарып таң атканда,

Кароолдор уктап жатканда,

Көкжал Манас баатырың

Басып сууга барды эми, Колун сууга малды эми, Кол дааратын алды эми.

Бутун сууга малды эми, Бут дааратын алды эми.

Сыйынууга камынып,

Опол тоодой эр Манас

Дарыянын боюнда

Чепкенин турду жамынып. Жаратканга жалынып:

– Сыйынып сага, Кудайым,

Жамандыкка барбадым,

Башымды байлап өлүмгө Эл-журтумду сактадым.

Бабамдан калган жер үчүн!

Суу ордуна кан төктүм, Бөрк ордуна баш кестим, Жараткан, өзүң кечиргин! Жүрөк берип бирөөгө, Баатыр кылган өзүңсүң! Дүнүйө бербей бирөөгө Бакыр кылган өзүңсүң! Аягы менен бастырып, Адам кылган өзүңсүң! Акыл бербей бирөөгө Наадан кылган өзүңсүң! Жаркыратып жайнатып, Күн жараткан өзүңсүң! Кара зулмат караңгы Түн жараткан өзүңсүң! Бирди кылып пайгамбар Билиндирген өзүңсүң!

Минтип биздей кулуңду Бүлүндүргөн өзүңсүң!

Акыл жетпес затыңа,

Жалынам жалгыз атыңа,

Жападан жалгыз, Кудайым, Жеткирдиң сен даатыма!

Атамдын жерин талаштым, Кытай арбын, кыргыз аз Кан төгүшүп кармаштым.

Кудайым, өзүң колдо,– деп

Бою балкып шер Манас,

Эки колун көтөрүп,

Теңирди карап турганда,

Кечилдин каны Коңурбай

Манаска жакын барганда

Алтын жебе найзаны

Ала коюп имерди,

Арстан баатыр Манасты Кыр арканын сүбөгө Матыра сайып жиберди!

Ошондо Манас бүк түштү, Эсинен танып көкжалың Төбөсү менен тик түштү.

Уктап калган Ажыбай

Умачтай көзү ачылды, Ала коюп найзасын Коңурбайды качырды.

Коңурбайга жете албай,

Манасты таштап кете албай, Кайра тартып калды эми.

Аркага кирген кыйгакты Бурап сууруп алды эми.

Найзанын учу кырт этип,

Белинде сынып калды эми.

 

БААТЫРЛАРДЫН  КЫРЫЛГАНЫ

Алоокенин Коңурбай, «Манасты жайлап келдим!» деп, Баарына кабар салды эми.

Топурак учуп, тоз болуп,

Толгон кытай козголуп,

Жердин бети кылкылдап,

Калкандары шаркылдап,

Дөөгүрсүгөн Коңурбай,

Добулбасын ургулап,

Калың аскер, көп каңгай

Кыргыздар алган Бээжинди Каптап кирди чуркурап.

Алманбет, Чубак, эр Сыргак,

Кайраттанып «Кудайлап»,

Ажыбай менен Музбурчак,

Жамгырчы менен эр Көкчө

Манас кандын кызыл туу

Ажыбайга карматып,

Бир Кудайга жалынып Кыраандардын баарысы Урушка  чыкты жабылып.

«Манастап!» ураан чакырып, Коңурбайдын кошуунун

Кайра айдады сапырып. – Качпагын! – деп кытайды Кайра кууду Айжаңжуң. – Кырылгыр! – деп бакырып, Айдап кууду Күнжаңжуң.

Кача түшүп көп кытай

Кайра кирди жабылып,

Айбалта менен чабышып,

Кыргыз, кытай кошууну

Былчылдашып кагышып,

Түптүү кытай калың журт

Түбүнөн түрө козголуп,

Миңи өлсө булардын,

Кайрадан миңи кошулуп,

Караса көзгө илинбейт,

Кытай менен кыргыздын Кайсы экени билинбейт.

Кытайлар курчап калганда,

Ажал жетип, окко учту Көкөтөйдүн Бокмурун Мааникер минип керилип. Туура тартып турганда,

Калмак, кытай, манжуусун Кара малдай токмоктоп, Айдап кирди Коңурбай.

Мунарык көр, чокту көр, Чыркырап тийген окту көр.

Казып койгон орду көр, Кайнап жаткан шорду көр!

«Какайлап!» ураан чакырып, Каптаган кытай колду көр!

Көк көрүнбөс чаңды көр, Чаңга аралаш көмүлүп,

Агып жаткан канды көр! Түгөнгөн сайын түтөгөн Түптүү кытай элди көр!

Каңгайлардын Күнжаңжуң

Кайраты кабат эр экен,

Алманбетке жетээрде,

Сараланын үстүнөн

Көмө коюп кетээрде,

Көнүк болгон эр Чубак

Көкаласын зыргытып,

Тоодой болгон Жаңжуңду Тоңкойто сайып өттү эми.

Кулап Жаңжуң түшкөңдө,

Наркескен сууруп эр Сыргак

Ылаачындай жетти эми,

Жеткен жерде кылычы Башын кесип кетти эми.

Чаң уюлтуп, жер жайнап, Манжуу кирди бир жактан. «Каңгайлап!» ураан чакырып,

Калмак кирди бир жактан. Шибээ, солоон – эки уруу,

Бу да кирди бир жактан. Тыргоот, кара кытайы

Алар да кирди бир жактан.

Айласы күчтүү Коңурбай

Даярданып алыптыр, Балбандарын тындырбай,

Кыргызга кыргын салыптыр.

Эр Сыргактын башына Ыргытып чалма саларда.

Каары катуу эр Сыргак,

Колго түшүп каларда

Астындагы Көкчебич, Айланса болот тулпарга!

Көкүлдү көккө ыргытып,

Туягын жерге мылгытып, Араандай оозу ачылып,

Башын жерге салыптыр. Куштай учуп жаныбар Эти кызып алыптыр.

Үстүндөгү Сыргагы

Ортого кирип барганда,

Кармайбыз деген көп каңгай

Жабыла качып калганда Алоокенин Коңурбай

Айгай салып бакырды:

– Кытай болбой жерге кир! Кайратты качан кыласың?!

Жалгыз Сыргак буруттан Жабыла баарың качасың!

Манастын баатыр чоролор

Жетип кирип келгенде,

Алманбет, Чубак бир жактан Алар кошо киргенде, Анда кайда барасың?!

Каптагыла Сыргакты,

Баатырсынган чунакты Тирүү кармап алгыла!

Колу-бутун бек байлап, Кара торго салгыла!

Калың манжуу, кытайды Айдап жүрөт Конурбай.

Эр Сыргакты көп каңгай

Жабыла каптап калганда,

Алманбет, Чубак түгөйү

Жанына чаап барганда

Жеткен жерде эки шер

Айбалта менен чабышып,

Жүрөккө найза малышып,

Каңгайды кирди качырып, Самандай жоону сапырып.

Кытай, манжуу калың эл, Каптагандай кыян-сел.

Салышып жүрөт үч берен,

Бел байлаган бели жок,

Жанында Манас шери жок,

Аргын кандын Ажыбай,

Үзүктөй калпак эр Шууту,

Ырамандын Ырчыуулу,

Жаалы катуу Бозуулу,

Төө көтөргөн Акаяр,

Жайма көкүл жаш Айдар,

Сереңдеген Сереги,

Төлгөчү Каратөлөгү,

Таздын уулу эр Үрбү,

Кырктын башы Кыргылчал, Баймат менен Байчоро Бүт каптады кырк чоро.

Качырып кирди бир жактан Көкчө баатыр, Музбурчак.

Мелтиретип найзасын

Кошо кирди эр Чубак. Астыда кетип баратат Алманбет менен эр Сыргак.

Кармашкан жерге чуу салган Кабыландын балбандар Аралап кирди урушка.

Өлгөнүнөн калганы Баары кирди согушка.

Баатырлар барат бакырып, «Манастап! ураан чакырып.

Кылчайбай кыргын салышты,

Кырып-сүрүп кытайды,

Ылаачын тийген таандай, Бээжинге дейре кубалап, Айдап кирип барышты.

Сүйүнө турган кытайдын Күнү тууп калыптыр.

Көзгө атар мерген Шыпшайдар Эми келип алыптыр.

Бүт Кытайдын мергени Баары келип калыптыр.

Кызыталак чоң мерген

Огу жаза кетпеген

Каражой уулу Шыпшайдар

Айдаркандын Көкчөнү

Чекесин жара бир атып,

Сыргакты мээлеп турганда,

Чабдар атчан Нескара

Чыга калган чагында, Нескараны эр Сыргак Жара чаап кетти эми.

Буудайык кандын Музбурчак Телкызыл менен ээлигип, Коңурбайга жетти эми.

Түп этектен алаарда,

Чын алаамат салаарда,

Туу түбүндө Шыпшайдар Кыйкырып жүргөн Бурчакты

«Оң жак чеке өзү – деп,–

Өксүп тийсе, көзү!» деп,

Белендеп турган машаасын Ирмеп ийди Шыпшайдар –

Музбурчакка ок тийип, Как жарылды курган баш.

Жыйырма бирде эр Сыргак,

Көкчебичке камчы уруп, Капталынан калчага Кайран Сыргак жетти эми.

Алгаранын үстүнөн Аңтара сайып кетти эми.

Алачыктай барбайып, Ат үстүнөн Коңурбай Учуп түштү дардайып.

Жыйырма бирде эр Сыргак

Алгараны олжолоп,

Ойнотуп коштоп аларда Астындагы Көкчебич Мүдүрүлүп кеткени.

Башында болот туулга Жерге түшүп кеткени.

Жерге түшкөн туулга

Эңкейип илип алганча,

Башына кийе салганча,

Каражой улуу Шыпшайдар: Мээлей калып ок атты.

Эр Сыргак аттан тик түштү, Тик түшкөндө, бүк түштү, Чекеден кара кан кетти.

Эр Сыргактан жан кетти.

Астындагы Көкчебич

Буйтап чыга берерде,

Каражой уулу Шыпшайдар, Көкчебичке ок атты.

Аргымакты сулатты.

Бурканына жалынып,

Каптап каңгай жайнады,

Кара курттай кайнады,

Салышып жүргөн баатырлар Жандарынан түңүлдү.

Бел байлаган бели жок,

Алдында Манас шери жок,

Жергелеп турган эли жок, Азизкандын жалгызы Кейип айтып турду эми:

  • Эреним Чубак, жан досум,Таласка эсен тартпайбыз, Кытайдан аман кайтпайбыз…

Тирүү кезде, чоролор,

Кайра тарткын Таласка,

Кордук көрүп калдык деп, Айта баргын Манаска.

Мен бул жерде калайын,

Коңурга каршы барайын,

Салгылашып көрөйүн,

Ажал жетсе, айла жок, Өз жеримде өлөйүн!

Анда Чубак кеп айтат:

  • Эй, чоролор! – деп айтат,–Душманга таштап досумду Не мураска жетебиз?
  • Курманга чалып Алманы, Таласка кантип кетебиз!?

Кудай бизди урбайбы!

Кыргыздын бели сынбайбы! –

Деп ошентип эр Чубак

Согушка кирди чамынып

Кайраттанып чоролор

Согушка кирди жабылып,

Азизкандын Алманбет

Тегерегин карабай,

Тегеле жанын аябай

«Манастап!» ураан чакырып,

Токсон сан кара кытайдын Тобун бузуп сапырып, Жеке кирди качырып.

Калмак, кытай дүркүрөп,

Калчасы баштап күркүрөп,

Алманбетке жетээрде,

Аңтара салып кетээрде,

Акбалтанын Чубагы

«Манастап!» ураан чакырып, Калмак, кытай, манжууну Кыйратып кирди сапырып.

Калдайган четин эр Чубак Ныгырып камап берди эми.

Орто жерин Алманбет Оюп келип жырды эми.

Кечилдин каны Коңурбай Эр Чубакка жетти эми.

Көмө салып кетти эми.

Алты миң калдай, сан балбан Калың кытай, көп манжуу Чубакты каптап калды эми.

Ошондо Чубак көкжалың

Алдынан кирген кытайды

Ат үстүнөн кулатып,

Туурасынан келгенди

Томурайтып сулатып,

Башына чалма салдырбай,

Жайнап жаткан көп караан Акбалтанын Чубагын

Курчап алган кези экен.

Шыпшайдар мерген ок атты, Акбалта уулу Чубактын Ок жаңылды төшүнө. Айбан досу Көкала

Жараланган Чубакты Ала качып жоголду.

Качкан атка жете албай Душмандын жолу торолду.

Каражой уулу Шыпшайдар Караса көзгө илинбей,

Кайда экени билинбей,

Кайнап жаткан кыргызга Мөндүрдөй кылып ок атты.

Жайнап огу тийгенде,

Кабылан Серек эр өлдү,

Кадимки Үрбү шер өлдү, Төлгөчүдөй бөрү өлдү.

Көк жалдардын көбү өлдү,

Жайма көкүл жаш Айдар,

Төө көтөргөн Акаяр –

Зор балбаны дагы өлдү. Төгөрөктүн төрт бурчка Төптөп кабар берчү өлдү.

Аркан үзөр Акжолтой, Манаска жакын бала өлдү.

Байчоро баатыр дагы өлдү, Анжыйандык Санжыбек,

Ажалың кургур, а да өлдү.

Бээжинге кирип кайрылып,

Берендерден айрылып,

Көкжал Алмаң эр жалгыз

«Манастап!» ураан чакырып,

Кайкалатып кытайды

Берендер өчүн алмакка

Өөдө-төмөн карабай,

Өлөмүн деп санабай

Коңурбайга жетээрде,

Алгаранын үстүнөн

Аңтара сайып өтөөрдө,

Белен турган машаасын Тартып ийди Шыпшайдар. Алманбет окко учканда, Туйлап чыкты Сарала.

Жамбашка ок жаңылып, Бутуна буту чалынып, Көздөн учту Сарала.

* * *

Каран башка күн түшүп,

Күн көрүнбөй түн түшүп,

Бээжинге кирип кайрылып,

Берендерден айрылып,

Ооруктагы Манаска

Ырамандын Ырчыуулу Ыйлап жетти кеп айтып:

  • Арстаным Манас! – деп айтыпБел байлаган белдерден,

Айрылдык асыл шерлерден!

Согушуп жатып кырылдык! Бейпай кылды белиңди, Кырды кошуун элиңди!

Каражой уулу Шыпшайдар Кайнатып салды шоруңду!

Жаралуу Манас ошондо Кабырга сөөгү сөгүлүп, Көөнү жаман бөлүнүп:

  • Асылдардан айрылып,

Кыйналып тирүү турганча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Манас болбой өлөйүн! –

Деп, ошентип айкөлүң

Калаар эмес аянып,

Аккелтесин таянып,

Аккуласын жетелеп,

Кармашка чыгаар болгондо,

Каражой уулу Шыпшайдар

Тизеси жерге бүгүлүп,

Жин ургандай жүгүрүп, Мергендиги ашынып, Жеткен экен жашынып.

Манасты атса ок өтпөйт,

Жанындагы Кулага

Аңдып турган Шыпшайдар

Жебенин огун неткени,

Жеткен жерде Куланын

Ооз омуртка сөөгүн Таарып өтүп кеткени.

Кабыланыңдын Аккула,

Күрөөдөн кара кан атып,

Бир кишинеп алганы, Тегеренип Манаска Ээгин артып калганы.

Коштошсо десе, турбады. Тоо кулаган эмедей Биротоло сулады.

Айрылбас досу Куланын

Көкүлүн кесип алды эми,

Куркурата бир жыттап,

Курдашым Кулам! – деп жыттап,

Берениң Манас көкжалың

Кайраттанып турду эми, Аккелтенин оозуна

Уучтап дары салды эми, Күр дедире урду эми.

Аккелте үнүн укканда,

Калың кытай чуркурап,

Шибээ, солоон, манжуусу

Бөлөк-бөлөк быркырап,

Сегиз дөөсүн жыкканда, Качты баары дыркырап.

 

МАНАСТЫН АКЫРКЫ КАЙРАТЫ

Кайран жеңең Каныкей

Уйкудан чочуп ойгонуп,

Оң жагына толгонуп,

Най тамагы кылайып,

Ак эмчеги булайып,

Айкөл Манас баатырдын Как өзүнө ылайык.

Булбул үндүү, кой көздүү,

Ургаачыдан баа сөздүү,

Тоту куштай үндөнүп,

Алда нече түрдөнүп,

Алдага сөзү зар эле,

Колтугунда жеңеңдин Үч айлык бала бар эле.

Касиеттүү жеңеңдин

Кабырга сөөгү сөгүлүп,

Көзүнүн жашы төгүлүп, Түндө көргөн түшүнөн Капа болду шек көрүп:

«Тултук мүйүз көк бука Суу түбүндө өкүрөт,– Сырттаным Алмам өлгөн бейм?!

Карга айдаган акшумкар

Канаты жок калыптыр, Акбалтанын Чубагы Бир кордукту көргөн бейм?!

Узун бойлуу көк чынар Кыбыла көздөй сулаптыр, Кымбатым Сыргак өлгөн бейм?!

Айкөлүм минген алтын так Буту кыйрап калыптыр,– Аккула окко учкан бейм?

Жалгыз калган Манастын

Түбүнө кытай жеткен бейм?!

Бийлебей жатса, өлөт,– деп,–

Абасы жетип айтсын,– деп,– Башы аманда кайтсын,– деп,– Тилимди айкөлүм алсын,– деп,

Кытай менен кармашып,

Аман калган баатырын

Бекер кырып албасын,

Быякта калган эл-журтун

Азапка катуу салбасын,

Апасын көргөн уулубуз

Атасыз жетим калбасын!»

Буркурап ыйлап кат жазып,

Береним төрөм келсин деп,

Тилимди алса, баатырым

Бейпайлуу сөзгө көнсүн деп,

Бир үйүр күлүк ат берип

Алакандай кат берип,

Карт Бакайды баш кылып,

Чууга кирсе, таанылбас,

Караңгыда карсактын

Изин кууса, жаңылбас

Тайбуурулду булкунтуп, Жөнөттү кошо жулкунтуп.

Ошондо Бакай кабылан

Учкан куш менен жарышып,

Окоро түйгөн ак тизгин

Тарталбай колдо карышып,

Күндөп-түндөп жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Күндүзүндө уйку албай, Түн ичинде тынч албай,

Ташкын-ташкын, ташкын суу,

Тал башынан ашкан суу,

Чолок-Терек, Кашка-Суу, Андан өтүп алды дейт.

Булуң-булуң Кара-Тоо.

Бурулуп аккан Сары-Суу,

Ушуга жетип барды дейт.

Арыстан Бакай ээликти, Асты жаккы белестен Кайнаган журтка кезикти. Жылдыз чыккан мунарып

Жылдыз десе, от экен,

Дүмүрөйгөн көп караан

Токойбу десе эл экен,

Кыргыздарды көп каңгай Курчап алган жер экен.

Кара кытай, көп манжуу

Жарадар болгон Манасты Тирүү кармап алууга

Тегеректеп алыптыр.

Душмнга Бакай көрүнбөй Манаска жетип барыптыр:

– Атышка кийген сур чепкен

Алып келдим, кийгин,– деп, Тайбуурулду мингин, деп, Манаска чепкен кийгизди.

Көңүл чөгүп турганда, Кайратын кайра тиргизди. Жарадар Манас сурданып, Жарадар боюн чыңданып.

Алыска атар Аккелте

Дүрмөтүн салып колго алып, Ач арыстан сүрдөнүп, Кан Бакайы жанында.

Аргын кандын Ажыбай,

Кырктын башы Кыргылчал,

Өлгөндөн калган чоролор, Тирүү калган кыргыз кол Күчүнүн баары чогулду. Акыркы болчу согушка

Буйругун берип эр Манас Соктурду эми добулду. Так ошондо асмандан Манаска аян угулду:

«Чалыяр тийбес Бээжинге Чаркың келбейт, кетсеңчи!

Курмандыкка чалынбай Жериңе тирүү жетсеңчи! Топон суу тоздоп кирбеген, Сулайман сурак албаган.

Үрүстөм, Дастан, Искендер

Ошолор изин салбаган,

Толкуп жаткан Бээжинге

Азырет Аалы барбаган,

Топон суу каптап келгенде, Кайыкка Нук пайгамбар Кытайдан адам албаган. Кытай деген калың журт Элиңе бүлүк салбасын.

Жериңди каптап калбасын! Ата мекен, элиңдин Тагдырын ойло, эр Манас!

Кыянат болбо, эр Манас!

Кытайдан кеткин, эр Манас!

Жериңе жеткин, эр Манас!» Аянды угуп эр Манас «Токтогула!» – деп айтты. Кайталы деп Таласка Чоролорго бек айтты.

Өлүмдөн калган кошууну

Элине кайтты кайрылып

Капалуу казак жол тартты,

Көкчөсүнөн айрылып, Музбурчагын алдырып, Кырым журт кетти жерине.

Кең Ташкенди жердеген Бокмурундан айрылып, Аскери тартты элине.

Кайсы бирин айталы? Айткан менен эмине!

Каралуу болуп кошууну

Каран түн түшүп Манаска,

Баатырлардан айрылып,

Көз жашын тыйбай кайгырып Кыргыздар кетти Таласка.

Айкөлүң атка мине албай, Эстен танды тура албай.

Акылман кары кан Бакай

Арчадан табыт кактырды,

Манасты таңып жаткырып.

Желмаян-төөгө арттырды.

МАНАСТЫН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНЫ

Далай күн тынбай жүргөндө,

Таң кашкайып сүргөндө,

Атбашынын жонунда, Чечтөбөнүн боюнда Ат минип караан көрүндү. Бул кайсы адам болду деп Көргөндүн көөнү бөлүндү.

Жакындан келип караса

Алманбеттин Сарала

Аманат кылып баатырын Жеткирген экен Манаска.

Чечтөбө жонун ойгончо,

Ичи ачышып, бүк түшүп,

Азизкандын жалгызын

Мүрзөсүнө койгончо,

Жаныбарың Сарала

Көзүнүн жашы токтобой Ыйлап турду ботодой.

Алманбеттин Сарала

Аскага чуркап жетти эми,

Көзүнүн жашын тыя албай Аскадан кулап кетти эми.

* * *

Кайран жеңең Каныкей Алты айчылык азапты Билген жеңең эмеспи.

Азап түшүп башына,

Көзүнүн жашын тыялбай, Баласын алып койнуна, Айкөлүн тосуп чыкты эми.

  • Падышам, эсен келдиңби?Берендердин баарысын

Кытайга «белек» бердиңби?!

  • Бүлүнтпөчү санаамды!Алып келчи бер жакка Өлөрдө көргөн баламды!

Бозала туйгун болпоңду,

Бозкарчыга чолпонду! – Деп турса, Каныш көнгөн жок,    Баласын шерге берген жок.

Кундактагы баланы

Кымтып турат көргөзбөй,

Көргөзбөгөн себеби,

Балага баатыр Манастын Сугу түшсө, оңчу эмес.

Көзүндө кара калы бар, Караганда баланы, Ымыркай аман калчу эмес.

Сырын билген Каныкей Сырттанынын камчысын Чекесине тийгизди.

Чекеге тийген камчыны Кубаттанып курган шер Куркуратып жыттады. Таласка жетип барганда, Көңүлү жаман бөлүндү.

Алманбет зайбы Арууке

Аяшынын өргөөгө

Алтын жаак балтасын Бөйрөгүнө таянып, Өкүрүп үндү салды эми:

– Аккула окко учурдум, аяш! Алтын айдар, чок белбоо Алманбет шейит кетирдим, аяш!

Канатымдан кайрылдым, Караан кылып отурган Эр Чубактан айрылдым, аяш!

Кытайга каршы жол тартып,

Бээлесе, жанга табылбас, Сыргагымды жеп алдым, аяш!

Канатым окко жулдурдум, Кабыландан айрылып, аяш Каран күн жанды тындырдым! Тебээлеп келген Кытайдан Намысымды алам деп, Эгиздерди жеп алдым!

Канатым өрткө калдырдым,

Кабыландын баарысын

Каканчыга алдырдым, Ач арыстан, ары шер Жардыгында өлбөдүм!

Алманбет, Чубак, Сыргагым

Бардыгында өлбөдүм! Аяш! –

Манас минтип турганда,

Кайың ыйлап, тал ыйлап,

Калайык журттун баары ыйлап,

Кызыл кырчын кыз балдар

Кызылдан кара кийишип, Кырк токтолгон катындар

Карадан кара кийишип,

Буркурап кемпир-чал ыйлап,

Толгон журттун баары ыйлап,

Жетим калган бала ыйлап,

Ала көөдөн акылсыз

Он экиде жаш ыйлап,

Боору жетик эр ыйлап,

Аза күттү зар ыйлап,

Армандуу болгон Арууке,

Алманбеттин жесири

Арууке чыкты буркурап, Ай чырайлуу нур беттен Каны менен жаш кеткен: – Кызырлуу шердин баарысын Каңгайга белек бердиңби?!. Шерлериңен айрылып,

Өзүң жалгыз келдиңби? – Чогулган эл тарабайт. Буркурап ыйлап бирөө да «Кой» дегенге жарабайт!

Кайран жеңең Каныкей Баатырга айтты сумсайып: – Айтса, арман арылбайт, Акырет кеткен эгиздер, Арман кылса табылбайт.

Телегейиң тең өткөн,

Алманбет, Чубак, Сыргактай, Оболтон канча эр өткөн.

Кайгырса жүрөк камыгат Кайрат кылчы, баатырым, Кайрандар кайдан табылат?! Мына ошентип Каныкей

Баатырды алды колтуктап, Жайлап аттан түшүрүп, Киргизди үйгө кучактап. Айкөлдүн көзү ачылып, Кубаттанып калды эми.

Эсине келип кабылан:

– Каныкей, ушул сөзүмдү ук!

Ажалым жетип мен өлсөм, Байкабай шорго малынба, Башыңдан торго чалынба!

Жыйганыңды чачып кет, Атемир кан атаңа Букарага качып кет!

Темир канга барганда, Семетей деген чунактын Мойнуна тумар тага көр! Ата жайын билгизбей, Алпештеп өзүң бага көр!

Он экиге келгенде, Ок өтпөс тонду кийгизгин, Ата-журтун билгизгин.

Менин көзүм өткөндө, Бу Талас сага жер болбойт, Ага-иним сени жөн койбойт. Абыке, Көбөш – эки арам,

Чыйбыт, Кочкор – төрт арам, Адыбай, Көлбай – алты арам

Акылсыз иттер бирикпейт, Өлүмгө дейре барышат,

Манастан калган бийлигин Бир-биринен талашат.

Жетилип калган уулуңду, Айласын таап алты арам Бир күнү күм-жам кылышат.

Кең Таласта мен өлсөм,

Белгилүү жерге сен көмсөң,

Колум тийген кандар бар,

Кордук көргөн жандар бар,

Кутулбачуу доолор бар,

Кан төгүшчү жоолор бар,

Өлүктөн өчүн алчуудай,

Көрүмдү ачып албасын, Жол үстүнө сүйрөтүп, Даңгыттарга жарбасын,

Бул жагына сак болгун!

Кетмендеп көрүм о¸ көр,

Бир адамга көргөзбөй, Кеңеш салып Бакайга Билинбес жерге ко¸ көр!

Берен жарым Каныкей, Берендигиң ашыргын,

Дайындуу жерге жашыргын!

Кең Турпанда кыштаган

Карача кандын кыз Сайкал

«О дүйнөдө жолугуп

Зайыбың сенин болом» деп, Ант беришкен жайы бар, Кыз Сайкалга кабар бер.

Жоого ылайык Аколпок,

Жаап койгун үстүмө,

Кандуу мылтык Аккелте, Жөлөп койчу жаныма. Кадимден берки Бозкисе, Илип койчу жаныма.

Касиеттүү Зулпукор, Коюп койчу башыма. Сайышка алган Сыр найза, Жөлөчү жакын кашыма. Тасма тарткан Булдурсун, Аны да илчи кашыма!

Кулаалы жыйып, куш кылдым, Куранды жыйып, журт кылдым.

Алтын жыйбай, эл жыйдым, Ушу турган калкыма Тентиген эрди бий кылдым.

Калктын туруп башында,

Өтмөк болдум дүйнөдөн Элүү эки жашымда…

* * *

«Ачык көмсөм асылды,

Көрүн ачып алат – деп,–

Жол үстүнө сүйрөтүп,

Даңгыттарга жарат» деп,

Байкуш катын Каныкей

Бир адамга билдирбей,

Эчкилүүнүн кара тоо,

Мелмилдеген бийик зоо,

Зоонун бетин каздырды,

Жалгыз киши баткандай Ооз жагын ачтырды.

Карасаң Манас кайран эр

Кээде тилге келе алса, Кээде тилге келе албай Азып калган чагы экен. Өлүм келип эсине Айтып турган кези экен. Манас кандын чоң ордо Эшигин Каныш ачты эми. Үшкүрүп Манас кабылан

Кыямат көздөй басты эми.

Калайык ыйлап, баары ыйлап,

Кошой, Төштүк дагы ыйлап,

Ажыбай, Бакай кары ыйлап,

Кан Манастын чоролор Найза сайып бакырып,

«Айкөлүм!» деп чакырып,

Алты күнү ай чыкпай,

Жер титиреп дүңгүрөп, Аска, зоолор урады. Омкорулуп түбүнөн Чер токойлор сулады.

Жалпак өркөч каранар –

Желгенине жел жетпес,

Басканына мал жетпес – Көзүнүн жашын тыйбады Буркурап булкуп ыйлады.

Кум-Булактын белинен

Таап алган Кумайык,

Аягына Манастын

Жатып алып күндүр-түн Даам татпай нечен күн

Улуп жатты Кумайык.

Манастын кушу Акшумкар

Тегеренип көкөлөп,

Учуп жүрдү бөпөлөп,

Асый чыкма Тайбуурул Байлап салса токтобойт, Ко¸ берсе оттобойт.

Кайран катын Каныкей

Кандуу бети жыртылуу,

Калың чачы жайылуу,

Кара кийген башында

Кабыландан айрылган Отуз эки жашында.

Аргасыз тартып тозокту, Буркурап айтты кошокту: – Тунугу кетти жылдыздын, Туйгуну кетти кыргыздын!

Ардагы жеткен жылдызга

Ата болгон жан эле Ак калпактуу кыргызга! Ар уруудан көйнөгүм Тартсам жетпейт мойнума.

Талыктырбай, айкөлүм, Ала кетчи койнуңа!

О дүйнө сапар жол жүрүп, Бүлүнттүң менин санаамды. Кимге таштап кеткениң,

Алты айлык жалгыз балаңды?!

Өксүгөн өксүп, тим болоор, Өтүп кеттиң дүйнөдөн, Өрнөгүң ээси ким болоор?!

Кейиген кейип, тим болоор, Кеттиң өтүп дүйнөдон, Кеңешиң тапкан ким болоор?!

Ай батканда түн болоор, Айдыңың журтка дүң болоор. Атпай кыргыз көп журтуң

Артыңан ыйлап, тим болоор?!»

Жапалуу Каныш курганда,

Ушинтип ыйлап турганда,

Абыке, Көбөш – эки арам,

Чыйбыт, Кочкор – төрт арам,

Адыбай, Көлбай – алты арам, Манас менен аталаш Алтоо тең кичи катындан.

«Эсил кайран!» деп коюп, Анда-мында оңгурап, Өкүргөн болот зоңгурап.

* * *

Күн кылкылдап батканда,

Элдин арты жатканда,

Кайран катын Каныкей

Баатыр Манас сөөгүн Адалдатып жуудуруп,

Супка салып буудуруп, Табытына салды эми.

Эл көрбөгөн түн менен Караңгы жолго салды эми.

Жай каздырган зоосуна, Эчкилүүнүн тоосуна Жайына коюп Манасты,

Киргендер кайра чыгышты. Үңкүрдүн оозун билгизбей Таш уратып жыгышты.

Чексиз чебер Бакай шер

Бөлөк эл, бөлөк жерде өлгөн Кемпирдин сөөгүн таптырды.

Дал Манастай дардайтып, Табытына жаткырды.

Боюна боюн окшотуп,

Супка салып оротуп,

Чарайнага чаптатып,

Булгаары менен каптатып, Ак кийизди жаптырды.

Табытта Манас жаткансып, Күмбөзгө алып барды эми.

«Айкөлүм» деп шек бербей Кемпирди көөмп салды эми.

Коңгурап ыйлап токтобой Кошой кетти элине.

Көз жашын тыйбай ич күйүп, Төштүк кетти жерине. Карачанын Сайкалы

Касиеттүү жан экен,

Канкор Манас султандын Кыяматтык жары экен.

Каралуу бойдон калдайып, Кайран Сайкал кайтты эми.

Атасы анын Карача:

«Кызым кейип келди» деп,

Алтымыш катын кошокчу, Тул салдырып берди эми.

Ошол түнү кыз Сайкал,

Бир түнөбөй ордого

Бул дүйнөдөн кетиптир,

Тирүүсүндө антташкан

Кыямат жары Манаска – Сүйгөнүнө жетиптир…

* * *

Абыке, Көбөш эки арам

Каныкейди зар кылып,

Мүшкүлдү катуу салган дейт, Кан Манастын ашына,

Төштүк келбей калган дейт.

Катагандын кан Кошой Ал да келбей калган дейт.

Убада кылып бектери

Айкөлүнүн ашына

Бири да келбей калган дейт…

                                                  Соңу.

 

СЕМЕТЕЙ

Саякбай Каралаев

(1894–1971-жж.)

ЖОМОК БАШЫ

Ээ…й! Көбү төгүн, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн, Көрүп келген киши жок, Көбөйткөн менен иши жок. Атаңардын жомогу, Айтпай койсок болобу! Уламадан уккан сөз, Улам бирге жуккан сөз.

Карылардан калган сөз, Каттай жаттап алган сөз.

Байыркынын жомогу, Таң каларлык болобу?!

Эр Манастан жаралган,

Бир уянын жалгызы,

Сермешкендин каргышы,

Бала жолборс Семетей

Баатырлардын бириккен,

Жүрөгүнөн жаралган, Азап көргөн элинин Тилегинен жаралган. Пайгамбардай Кошойдун Батасынан бүткөн дейт. Көк жал Манас айкөлдөй Атасынан бүткөн дейт.

Кан Манастын акылман Зайыбынан бүткөн дейт. Айланчыктап арбактар, Азиз кылып кеткен дейт. Бала төрө Семетей Элине тутка болгон дейт.

Ошол күндөн ушул күн,

Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс нечен түн өттү.

Эсеп жеткис жыл өттү, Сыр найзалуу эр өттү, Санжыргалуу шер өттү. Аты калып, наркы жок, Эчен түрлүү эл өттү.

Ошол күндөн ушул күн,

Сай бузулуп, тоо болду, Тоо бузулуп, коо болду.

Ошол күндөн, ушул күн

Түтөп өскөн жомокко

Сөз кошулуп, ыр кетти,

Манас менен Семетей,

Жазып калган эмедей,

Кайгы, капа көп болуп,

Атпай журтка кеп болуп, Унутулбай бул жетти. Качан болсо, бул жомок Кайрат берер кеп экен.

Кыйла кылым өтсө да

Калк баатырын жомоктоп, Карыбасы эп экен!..

Муну мындай таштайлык,

Алдас уруп шашпайлык,

Баатырдын уулу Семеңдин Тарыхынан баштайлык.

КАНЫКЕЙДИН КӨБӨШ КАНДАН

ЧАБЫЛГАНЫ

 

Кан Манастын иниси Көпкөн Көбөш кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

«Сен улуусуң, Абыке, Каныкейди өзүңө «Алып берем», – деп айтат.

Абалдан адам өлүүчү,

Кайгыны калкы көрүүчү, Жесири калса агадан, Жеңесин кайни алуучу». Деп ошентип калганда, Абыке туруп кеп айтат:

«Жеңемди кантип алам? – дейт Энедей болуп калды эле, Койнуна кантип жатам?» – дейт.

Көбөш анда: «Акмак!» – дейт. Сен албасаң, мен алам,

Садага кеткин катындан, Куру калдың бактыңдан! Агасынын жесирин Иниси ээн таштабайт?!

Чогулуп кеңеш кургула. Түнөргөн тул жеңемди Көндүрүп мага тынгыла! Манастан калган чоролор, Өзүмө чоро болгула!

Кааласаң, кара, жан мына! Калың элди башкарчу Иниси Көбөш кан мына! Кыргыл аба, Тазбаймат, Каныкейге баргыла!

Жесир калган жеңемдин,

Убадасын алгыла!» – Ошондо Кыргыл кеп айтты, Кеп айтканда эп айтты: – Аркар аяк, жез билек Атты Манас мингизди.

Тонсуз келген чорого Келеме кериш, кең күрмө, Тон мыктысын кийгизди. Аялдыкка сулууну Алып берди зор Манас. Үйсүз келген чорого Ордо берди шер Манас.

Малсыз келген чорого

Аргымак, буудан аралаш, Бөлүп берди шер Манас. Үзүлгөндү улады, Чачылганды жыйнады.

Берен Манас – Көк жалдын

Маңдайында эр болдук,

Биринчи кыргыз эл болдук, Башка элдерге тең болдук. Кабылан Манас каныңдын Кыркына күнү жете элек. Каныкей кара жоолугун Өз башынан чече элек.

Көз жумбай жесир түнүнө

Кошогун айтат күнүгө! – Чорого Көбөш дүпүлдөп, Кирген суудай күпүлдөйт:

– Каны жок калды каганат, Көбөшкө зайып болгун деп Каныкейге барып айт!

Айласы кетип Кыргылчал

Айбалта белге салды эми, Сөз катпаган Байматты Жолдош кылып алды эми.

Кан Манастын ордого

Экөө жетип барды эми.

Эки чоро элеңдеп,

Айтар сөзүн белендеп,

Каныштын барды кашына. Замана түшүп зарланган Каныкейдин башына.

Окторулган Кыргылчал Ойлонуп карап турбады:

– Жамандык кантип санайын,

Кулак салгын, сен, айым,

Өлгөндөр кара көрдө бар, Кайгылуу арман элде бар, Жесирдик арман сенде бар. Атасынан айрылган, Семетей деген пенде бар. Өлгөндөн жесир калуучу, Жетимди жолго салуучу. «Өз жеңемди алам» деп, Кайниси каалап алуучу.

Жеңемди Көбөш алам дейт! Жетим калган инимди

Өз баламдай багам дейт.

Тийбесе мага бул жесир,

Айдап жолго салам дейт.–

Каныкей карап турбады, Аябай жаны кашайып, Чымындай сабыр кылбады. – Асылымдын өлгөнү

Кырк күнгө да жете элек,

Мен карабет Каныкей,

Тартынбаймын өлгөндөн, Эсиңе келгин, акмактар, Өлүп кетчү немедей!

Болоттон соккон ак канжар,

Кармай калып сабынан,

Сууруп алып кабынан,

Чоролорду качырды

Жоголгула азыр! – деп Долуланып бакырды.

Билгенде муну көр Көбөш

Кыжыры келип чамынды,

Келтирмек болду эсине Обу жок долу катынды.

Чоң жоого чыгып жаткансып,

Кан сарайга бармакка Чоролорун камдады Каныкейди чапмакка.

Билгенде муну Каныкей

Баламды союп кетет,– деп,

Жалгызымдан айрылсам,

Кантип күнүм өтөт? – деп, Чыйырдыга кеп айтат:

– Айланайын энеке! Уулуңдан калган ботоңду, Боорубузга бассак дейм!

Мелтиреп жаткан кара зоо,

Ошону көздөй качсак дейм! Арамдар келсе, оң кылбайт, Жалгызыңды соо кылбайт! Бул жерде жүрүп нетели?

Букарды көздөй кетели,–

Ай түнөрүп батканда,

Эл төшөккө жатканда

Баланы басып бооруна

Чыйырды менен Каныкей Аттанды Букар жолуна.

– Кара-Буура, Чаткалым,

Кетемин сенден чама жок, Кайран жерим, эсен бол! Аппак калпак, көк чепкен, Кайран элим, эсен бол! Кызыл көйнөк, найча бел Кыз балдарым, эсен бол!

Келенкер чачпак, кең соору!

Келиндерим, аман бол!

Кайран жер, Талас, кошкун деп

Кайраттанып бел байлап,

Кайгырып ыйлап, көз жайнап,

Кең дүнүйө тар болуп,

Таластан чыкты Каныкей Муңдашаарга зар болуп.

Жаралуу бою зыркырап. Үшкүргөндө Каныштын

Оозунан түтүн буркурап.

– Ой, Каныкей, кулунум! Боздой бербе чыркырап!

Берениң, төрөң өлгөн соң, Белиңди байла, Каныкей!

Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок.

Таластан тез кетели,

Атакеңдин шаарына Тезирээк барып жетели! Ажалы келсе, өлөрбүз, Азабы болсо, көрөрбүз. Жалгызың эптеп эр жетсе, Бир жакшылык көрөрбүз! Найзага таккан желегим, Айкөлдөн калган белегим.

Тулпардан калган туягым,

Ушу турган Семетей – Туйгундан калган чунагым; Асманда жарык жылдызым,

Жакамда жакут, кундузум;

Оозумду ачып өпкөнүм,

Көзүмдү ачып көргөнүм,–

Деп, ошентип Чыйырды,

Күрсө-күрсө жөтөлүп,

Балтыр бешик жетимди

Алмак-салмак көтөрүп,

Белести басып өтө албай, Караган, бута, таш көрсө,

Бекинген менен бата албай,

Чарчап, ыйлап, басалбай,

Басайын десе ал кетип,

Балтырдан кара кан кетип,

Жиликтин башы зыркырап,

Таманы ташка былчырап,

Эки катын, бир бала

Батпай кетип баратат,

Адыр-адыр белести,

Ашып кетип баратат,

Күндүзүндө тынч албай,

Түнүчүндө уйку албай,

Күндөп-түндөп жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Аябас алыс жол жүрүп,

Мунарык түшкөн чөл менен,

Будур-будур бел менен, Далай-далай чөл басты, Букарга келди жол асты.

Муну мындай таштайлык,

Букардын каны Темиркан, Ошолордон баштайлык. Акылы терең, колу март, Касиеттүү жан эле.

Балдарынын кенжеси Ысмайыл аттуу бала эле.

Эмирдин уулу Ысмайыл,

Толуп калган чагы экен,

Эл оозунда макталып,

Болуп калган чагы экен,

Былк эткизбей көп журтту Бийлеп калган чагы экен.

Ит агытып, куш салып, Ат арытып, жер чалып,

Элдин четин сак-сактап, Жүрүп калган шер экен.

Ит-Торпунун боюнда,

Кан Букардын оюнда, Алыстагы караанды, Ысмайыл көрүп калыптыр. – Жүргүлө, эрлер, баралык!

Басып келген жоо болсо,

Төбөсүнөн басалык! – Жигиттер менен Ысмайыл Жетип келип жакындап, Эжесин араң тааныды.

Инисин көрүп Каныкей,

Буркурап, боздоп ыйлады, Көзүнүн жашын тыйбады.

– Жездең Манас өлгөндө,

Асылың жерден өткөндө,

Артында бала калды жаш

Жаш жетимди калкалап, Энекемди аркалап, Таштап качтым Таласты. Айланайын Ысмайыл, Жетимди сага берейин.

Мойнуна тумар тагып ал,

Жетимимди кор кылбай, Өз балаңдай багып ал!

Темир кандын Ысмайыл Эжеси берген жетимди Бооруна басып алды эми.

Эртеси элди чакырды

Он жети күнү той кылды,

Байгелеп ат чабышты,

Баатырлары сайышты,

Чыйырды менен Каныкей Ыраазы болуп калышты.

СЕМЕТЕЙДИН  БАЛА  ЧАГЫ

 

Кыраан Манас көкжалдын

Ата экенин билгизбей,

Кеңирсип жаткан кең Талас

Жери экенин билгизбей,

Артыкча тууган Каныкей

Эне экенин билгизбей,

Тай акеси Ысмайыл

Семетейди бактырды,

Беш жашка бала келгенде,

Берендиги билинди,

Каруусуна ок-саадак

Кадимкидей илинди,

Жети жашка келгенде,

Мылтык атып, жаа тартып, Ат чапканды үйрөндү.

Он жашына келгенде,

Оболоп учуп дегдеди,

Оюна түшкөн кыялын Бир бендеге бербеди.

Он экиге келгенде,

Алоолоп турган өрт болду, Ачуусуна тийгендер Аябастан мерт болду.

Ит агытып, куш салып,

Мылтык атып, жаа тартып, Тентектиги ашынды. Темиркан анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

– Калкыма кабар салайын,

Сегиз кан элин чогултуп,

Ат чаптырып той кылып, Бир тамаша салайын!

Он экиге толгондо,

Ко¸р бекен тентегин?

Он экиге толду деп,

Мүчөл жылы болду деп,

Балалык өттү, болду, деп, Небереме той берем.

Келиң баары тойго деп,

Кумар жазып ойно деп. Кан багалек, кандуу кол Эрлери келсин тоюма! Калың элдин атасы Кары келсин тоюма!

Калдайган элин башкарган

Букардагы сегиз кан,– Рахат алсын тоюман! – Деп буюрду Темиркан.

Жесир катын Каныкей

Бул кабарды укканда,

Тайторудай бууданды Чабайын деп тоюнда Ырым кылды оюнда.

Октой болгон Тайтору

Белгилүү күлүк мал эле,

Береним төрөм өлгөндө

Катагандын кан Кошой (Кагылайын абакем!) Асага берген тай эле.

Ушу быйыл жаныбар

Каржалар кези болду эле. Төлгөгө чаап көрөйүн Тайтору күлүк атымды.

Астыга келсе Тайтору,

Ушул турган Букардын Баш байгесин бөлөйүн!

Артта калса Тайтору. «Ары жок катын» дедирбей, Ажалдан мурун өлөйүн!

Чыгып калса Тайтору, Ичимдин муңун ачайын!

Кагылайын Семетей,

Атасын тарткан шер болсо,

Көпкө тууган эр болсо,

Таласка Кудай кондурса,

Касиеттүү кыргызды

Кайрылып көрөр күн, болсо,

Ыйлаган ыйым басайын,

Кайрат кылып жашайын,–

Көзүнөн жашы төгүлүп,

Жаңы келген келиндей

Тизесин бүгүп жүгүнүп,

– Батаңды бер, эне,– деп Чыйырдыга жалынды. Ак байбиче Чыйырды

Теңирге колун көтөрүп, Күрсө-күрсө жөтөлүп, Кол көтөрүп ыйлады: – А дүйнө кеткен Манасым, Колдой көр,– деп зарлады: – Чубак, Сыргак эгизим Жесириңе көзүң сал!

Ат чабышта тулпарың

Кайрат берип сүрөп ал! Ишин Теңир оңдочу, Келинимди колдочу! Үмүткөр болгон байкушту Жер каратып койбочу!

О, Каныкей, береним, Ат чабышта Тайторуң Байгеге чыгып келсинчи! Телмирип турган жесирге

Тилекти Кудай берсинчи.–

Каралуу катын Каныкей

Чыйырдыдан бата алып,

Сан санаага маталып

Букарды көздөй аттанды, Тайторуну жетелеп,

Кан сарайга барды эми, Ат чабышка салды эми. Темиркандын Ысмайыл Семетейди чакырды:

– Ой, кулунум Семетей! Сенин бул тоюңда

Жесир эжең Каныкей

Кан сарайга барыптыр, Минип жүргөн торусун Ат чабышка салыптыр. Биринчи келсе Тайтору

Байгени элге бөлүп бер Артта калса Тайтору, Курмандыкка чалып кел! Кан чыгарып, агызып Эл батасын алып кел!

Макул болду бул сөзгө Он эки жашар Семетей. Кара кийген Каныкей Эне экенин биле элек.

Киндик кесип, кир жууган, Кеңирсиген кең Талас Жери экенин биле элек. Ак калпактуу  кыргыздар Эли экенин биле элек…

* * *

Кан сарайдан Каныкей

Манастан калган дүрбүнү Мойнунан алып караса. Кең кепенин четинде

Деңиздин берки бетинде,

Атасынын Актулпар

Арыштап чуркап алыптыр, Көкүлү көккө бириндеп, Закым болуп калыптыр.

Башын жерге сала албай,

Аркардай арыш алалбай,

Каргадай бала жонунда Келе жатат Тайтору Үч жүз аттын соңунда…

Капа болуп Каныкей

Чымындай жандан түңүлдү,

Мурдунан суусун тарталбай,

Көзүнүн жашын арталбай,

Кабыргасы сөгүлдү,

Арбагы күчтүү Манаска Жалынып жашы төгүлдү.

Үмүттөнүп Каныкей

Көзүнө салса дүрбүнү

Ит-Торпунун жолунда,

Кезең кырдын оюнда

Санап көрсө Тайтору,

Келе жатат кайран мал Алтымыш аттын соңунда.

Жеткилең жүрүп калыптыр; Басканына мал жетпей, Башкача чуркап алыптыр… Азиз кандын жалгызы Арыштаган бууданды Алманбет сүрөп алыптыр.

Анын бери жагында

Кырк чоронун кырааны,

Акбалтанын Чубагы,

Ач кыйкырык, куу сүрөөн,

Адамдын  алы жетпеген,

Арстан тиши өтпөгөн

Көк рапыс тон кийген,

Көгала сындуу ат минген, Акбалтанын Чубагы Торуну сүрөп алыптыр.

Асты жагын караса

Кабылан Манас, Сыргагы

Бакырыгы баш жарып, Кыйкырыгы таш жарып, Өбөктөп чаап калыптыр, Торуну сүрөп алыптыр. Анын артын караса,

Аккула минген шер Манас Тайторуну соорулап Алдыга сүрөп алыптыр.

Асыл тууган Каныкей

Арбактарды көргөндө

Ыйлады жаны чыркырап

«Аташкан төрөм, көк жалым,

Ала кет»,– деп буркурап,

Карагаттай көзүнөн

Камчы бою жаш кетти,

Арбактар колдоп тилекти,

Кең-Мойноктун жонунда

Келе жатат Тайтору

Алты буудан соңунда

Эпсиз күлүк Актулпар

Ал да күлүк мал экен. Эңкейишке киргенде

Тайтору озот мойнунча, Өргө чыга бергенде, Актулпар озот мойнунча.

Эрегише жарышып,

Эки үзөңгү кагышып,

Томуктай жерде тоосу жок,

Айбандын зору Тайтору

Башкача чуркап алыптыр, Мойнун жерге салыптыр. Алты жүздөй нак буудан Алда кайда калыптыр.

Аркардай арыш узарып,

Кулжадай көзү кызарып,

Араандай оозу ачылып,

Кан аралаш ак көбүк

Жол боюнда чачылып,

Ооздукту каккылап,

Тал жибектей куйрукту

Чаткы аякка чапкылап, Келе жатат Тайтору.

Бала туйгун Семетей

Астындагы тулпарга

Олбуй-солбуй камчы уруп, Оң-тетири теминип, Айбаттуу ураан салды эми. Кайран катын Каныкей Асмандан күнү бүркөлүп, Алтымыш санаа бир келип: – Айланайын кудай-ай, Атын ээси алдыбы?! Артыкча көөнүм жадырап Тилекти берип салдыбы! Көрөргө эми күнүм бар, Ушундан бөлөк кимим бар?! Тулпардан калган туягым, Туу казанат чунагым!

Найзага таккан желегим. Асылдан калган белегим!

Алыста калган элиңе

Аныктап тиер керегиң! –

Деп, ошентип, сабылып,

Карасын кайра салынып,

Атасындай чунактын

Караанына жалынып,

Эч бир жанга көрүнбөй, Бир кишиге билинбей Ордону көздөй жөнөдү.

Тоодой болгон Тайтору Алдыга чыгып келди эми.

Байгесин алып Семетей,

Убадасын бузбастан, Балбандарга бөлдү эми.

Улуу, кичүү, карысы Бири калбай баарысы

Ыраазы болуп калды эми.

СЕМЕТЕЙДИН САРЫ ТАЗГА

ЖОЛУККАНЫ

Бала жолборс Семетей

Опол тоодой көрүнүп,

Кыя жол болуп бөлүнүп,

Астындагы мингени

Темир кандын тулпары, Кондуруп колго алганы Ысмайылдын шумкары.

Имерилген суу менен,

Иттердин үргөн чуу менен,

Көк шумкарды ыргытып, Каз-өрдөктү зыргытып, Ыргап жүрөт Семетей.

«Көп кубаныч тамаша, Жыргап жүрөт Семетей…

Ал токойдун боюнда,

Төрт аркан бар жонунда,

Көмүрү менен көө болгон, Көп токойго ээ болгон Дөө сыяктуу таз көрдү.

Шумкардын боосун колго алып, Көргөнүнө таң калып, Карап калды Семетей.

Ошол кезде Сары таз

Төө мойнундай чоң орок

Белине мыктап таңылуу,

Тикенектүү токойду

Орок менен койгулап, Түбү менен жойгулап, Төөчө жөөлөп алды эле.

«Күү» дегизе бир үйлөп,

Кырк кулач көсөө колунда,

Тегерегин үйүрүп,

Кара көрсөң калтырбай,

Көнөктөй болгон көпкөк чок

Көсөө менен бөлүнүп,

Бул көмүрчү тазыңдын

Камбылы көзгө көрүнүп,

Алты көнөк суу баткан

Өгүз баш кара жанаяк

Кайнар кара булакка

«Күп» дегизе малды эми, «Күр» дегизе бир ууртап,

«Күп» дегизе бир бүркүп,

Кырк кулачтай көсөөнү

Көмүрүнө салды эле,

Алтымыш төөгө жүк көмүр Өчүп жатып калды эле… Жанына барып Семетей Салам айтса сөзү жок. Салам турмак тазыңдын

Көрүп койгон көзү жок.

Зыңгырап ал таз кенебей

Кылчайып да койгон жок, Укпай калган эмедей.

Көмүрүн шилеп карабайт, Темиркандын эркесин Кишиби деп санабайт.

Муну көрүп Семеңдин

Жүрөгү күйүп жаралай, Каарданды тура албай:

  • Салам берсем, алик жок,

Көмүрдөн башка ишиң жок, Баатырсыңбы, таз киши?

Башка менен ишиң жок,

Каапырсыңбы, таз киши?! – Сары Таз анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

  • Эрбең-эрбең толгонсуп,

Эми киши болгонсуп, Тулпарды минип келипсиң, Оюңда жок эчтеме Эмне мынча желиктиң? Кымбатың кыргыз, кең Талас, Элиңе качан жетесиң?!

Бул токой сага жер эмес,

Атаң Манас көк жалдын

Өпкөсүн жарып өлтүргөн,

Энекеңди алам деп, Кең Таластан качырган Абыке, Көбөш мен эмес!

Кыйналып тентип Каныкей,

Эр болсо элин табар – деп,

Элинен кабар алар деп,

Артыңан качып мен келдим,

Көмүрчү болуп сенделдим,

Энесин «эжем» деп жүргөн, Темиркандын бакмасы Сендей байкуш бар бекен?!.

Өз элине зар бекен? – Көмүрчүдөн кеп угуп,

«Элиң бөлөк» – деп угуп,

«Кыямат кеткен шер Манас

Өзүңдүн атаң» – деп угуп,

Семетей жетим сабылды,

Көзүнүн жашын көлдөтүп Көмүрчүгө жалынды: – Кагылайын абаке, Түйшүккө салдың баланы!

Билбегенди билдирдиң,

Ойго келбес санааны,

Кечиргин, аба, сөзүмдү, Керек болсо, чукуп ал

Айнектей эки көзүмдү! Сөзүм тийди, абаке, Башымды тосуп берейин!

Айткандарың чын болсо,

А дүйнө кеткен шер Манас

Ата экени чын болсо,

Байкуш жесир Каныкей Эне экени чын болсо,

Таласка өзүм барармын, Тууган элим кыргызга Шаң көтөрүп алармын!

Айтканымды кылбасам,

Атагы урсун Таластын,

Арбагы урсун Манастын! –

Деп буркурап Семетей

Боодон алып шумкарды

Моюнга чаап тулпарды,

Жанынан кечкен эмедей

Букарды көздөй чу коюп, «Айкөл атам Манас» – деп, «Мекеним менин Талас»,– деп.

Көк Теңирге жалынды.

«Темир кан менен Ысмайыл

Тегимди айтпай койду» – деп, Тегеле жаман таарынды. Он эки күнү суу ичпей

Тамак жебей, сүйлөбөй, Кайраты кетип алсырап, Жатып алды Семетей. Ботодой боздоп буркурап, Уулуна келди Каныкей. Энесин Семең көргөндө, Жашылданып кеп айтты:

  • Ой, энеке! – деп айтты.–Азапты тарткан экенсиң, Талас деген жер кайда?

Кыргыз деген эл кайда?

  • Ой, кулунум, сөзүмдү ук.

Кагылайын жетимим, Кайнап жаткан шорумду ук! Бала кезден атакең

Элине маанаш болуптур,

Мекенин коргоп душмандан Эр Манас атка конуптур.

Чачылган кыргыз уруусун

Кайрадан жыйып журт кылып Зор каганат куруптур. Баскынчынын баарысын Түркстандан кууптур… Көкөтөйдүн ашында

Эр Манас болуп башында

Кытайдын каны Коңурбай Кыргыздан байге талашып Кан төгүлдү аябай…

Каарданып кан Манас

Кытайга каршы чыгарда,

«Барбагын деп казатка Салба деп элди азапка,

Жалынып ыйлап боздодум. Каары катуу атакең Сөзүмдү угуп койбоду.

Чоң казатта кыргыздар

Кытайга кыргын салыптыр, Коңурбайды багынтып Чет-Бээжинди алыптыр.

Жашыруун барып Коңурбай Ак көйнөкчөн Манаска Ууланган найза сайыптыр. Көтөрүлүп бүт Кытай

Кыргызды курчап алыптыр,

Кол салып барган баатырдын Бардыгын кырып салыптыр.

Таласка келди кан Манас

Чоролордон ажырап, Жетим-жесир, бүт элден Кечирим сурап  буркурап. Кучагымда атакең

Каза болду кансырап…

Кудайдан келген накыл бар:

«Элин-жерин коргосо,

Өлбөс болот баатыр, деп

Багынтам деп башканы,

Кылыч менен кол салса,

Кылычтан өлөт акыр», деп Айтыптыр Иса пайгамбар.

Атаң, тарс-тарс жөтөлүп,

Жаздыктан башын көтөрүп, Акырет көздөй кетерде, Көзүн ачып кеп айтты:

«Бул Талас сага жер эмес,

Көрө албаган алты арам,

Силерге такыр эл эмес,

Тажиктин Букар шаарына Атаңа барып күнүң көр!

Өлгөндө көргөн чунактын

Мойнуна тумар тактыргын, Уялашың, бир тууган Ысмайылга бактыргын. Он экиге келгенде,

Таласын эске саларсың,

Сенин атаң Манас – деп

Балама сырың айтарсың.» Кайсы бирин айтайын!?

Арбагын сыйлап атаңдын,

Кагылайын кулунум,

Аман барсаң Таласка,

Киндик каның тамызып Сен туулган жер ошол! Арстан Бакай олуям Айласы жетик шер ошол.

«Тилегим качан берет,– деп,– Жетимим качан келет?» – деп Ыйлап жүргөн кезидир. Кагылайын кулунум,

Калкыңдын жайын айтайын:

Көк сүлөөсүн, кундуз бөрк Чалдары сыпаа кыргыздын. Кармашкандын жолунда Балдары баатыр кыргыздын.

Аргытып атка чабышкан,

Айкашкан жоодо салышкан, Келини сонун кыргыздын.

Өрүүдө үйүн оңдошкон,

Көчкөндө төөсүн комдошкон,

Кызылдан кийген күрмөнү,

Жаш кайыңдай буралган,

Тал чыбыктай суналган,

Алганына жарашкан,

Кызыл беттүү, кымча бел, Кыздары сонун кыргыздын.

Бейкут болуп жайланган,

Белдемчисин байланган,

Кымыз менен сүт берип, Балдарына  айланган, Кемпири сонун кыргыздын.

Телегейи теп-тегиз,

Жери жакшы кыргыздын.

Өзөгүн берген өз десе,

Эли жакшы кыргыздын.

Талас менен Сары-Өзөн, Ысык-Көл, Нарын, Чоң-Алай.

Атпайдын жүргөн жери ошол.

Сенин элиң кыргызда

Отор малдан, жылкы көп, Жашыгынан курчу көп, Жан жыргаткан ырчы көп.

Элдеринде салты көп,

Экиленген марты көп, Арамдары көрсөткөн Алда канча дарты көп.

Борсулдаган күлкү көп,

Жылмаңдаган жубан көп, Кеткенинен келген көп, Базарынан кербен көп, Бараң аткан мерген көп.

Атаңдын калкы кыргызга Аңдыша турган шыбыш көп.

Жүз жанбаган баатыр көп,

Баатырды тапкан катын көп,

Карысынан жашы көп,

Өзөн-өзөн суусу көп, Өрдөк-чүрөк куусу көп. Каркылдаган казы көп, Каз ойногон сазы көп.

Арышы жок бечел көп, Айтышканга чечен көп.

Кайсы бирин айтайын

Алабата, күүдүрөк, Төөнүн жери кең Талас. Бетеге белден жошулган Бээнин жери кең Талас. Талас өңдүү жер барбы, Атпай өңдүү эл барбы?! Кагылайын кулунум,

Бакайдай абам кайда бар?! Бакайдан саа пайда бар!

Байдын уулу эр Бакай

Жакын тууган Манаска,

Барганда, балам, табарсың, Баатыр Бакай Таласта.

Күйүткө башы баткандыр. Семетей жетим сен үчүн,

Бакайдын шору каткандыр, Эки Кең-Көл чатынан.

Кең Таластын башынан

Арстан Манас баатырдын

Күмбөзүнүн кашынан

Бакайга, балам, барарсың, Бакайды таап аларсың.

Кагылайын кулунум,

Барганда баарын көрөрсүң, Атаңдын көрүп күмбөзүн, Көзүңдүн жашын төгөрсүң.

Чоң атаң Жакып баш болуп,

Абыке, Көбөш кас болуп,

Эзелден душман өзүңө,

Байкабастан жаш жетим, Жалган сөзгө ынанып, Келтирбе зыян өзүңө.

Ишенгин, балам, сөзүмө!

Эсен барып, кулунум,

Эсен кел деп өзүмө!..»–

Тайторуну мингизип,

Ак темир соот кийгизип,

Мойнунан бекем кучактап,

«Аман болгун, чунак» – деп,

Жаш баладай бышактап,

Коштошкондо Каныкей

Таякеси зар ыйлап,

Калайыктын баары ыйлап,

Карыгер Темир кан ыйлап,

«Эр жалгызы шер эле,

Атактуу Манас баатырдан Белек калган эр эле.

Өлбөй, житпей, бул жетим

Аман жүрсүн деги эле!» – Деп ошентип кол жайып,

Кары-жашы чуркурап,

Каныкей менен Чыйырды Кош айтышты буркурап, Баары бата бергенде:

– Кош, апаке, берекем!

Манасты тапкан энекем!

Айланайын элимден,

Адашып калган мен экем! –

Деп, ошентип, Семетей Аттан түшүп бүгүлүп,

Бардыгына жүгүнүп,

Кош айтышып кол берди,

«Аман бол, Букар эли» – деп, Тайторуга жол берди!..

СЕМЕТЕЙДИН ТАЛАСКА КЕЛГЕНИ

 

Манастын уулу Семетей

Боз мунарык керүүнүн

Бою менен кыдырып,

Сыр-Дайра кечип жол тартып,

Ашуу ашып, таш басып,

Бөөт-бөөт бел көрүп,

Бөксөлүү эчен жер көрүп,

Ичке талдан сыдырып,

Чыйырчык, Салар – эки суу

Бою менен кыдырып,

Тайторуну чалдырбай,

Жатып уйку кандырбай,

Эски Ташкент, Чалдыбар,

Эңкейип жетим басты эле,

Казы-Курттун чоң талаа, Ал талаага келгенде, Жер соорусун көрдү эле. Оң кол жагын караса, Таластын жери көрүнөт.

Чыдай албай жетимдин, Көзүнүн жашы төгүлөт…

Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас – Жер соорусу турбайбы, Жердеген адам тунбайбы!?

Адырдан аркар куюлуп,

Адырдын чөбү суюлуп,

Будурдан бугу куюлуп,

Тектирден теке камалып, Текении жүнү сабалып, Жаткан экен кең Талас! Эчтемесин аябай, Кудайым берген турбайбы.

Ушундай жерин билбесе,

Жетимди Кудай урбайбы?! Таластын суусу ташыптыр, Таш башынан ашыптыр.

Түбүнөн ташы калдырап,

Үстүнөн көбүк жалбырап,

Аңтарылып, сөгүлүп,

Төө өркөчтөп төгүлүп,

Андан ары караса,

Түгөнгөн тоонун урчукта,

Дүмпүйүп жаткан тумшукта, Кара жолдун үстүндө, Заңкайып күмбөз көрүндү. Ал күмбөздү көргөндө, Көзүнүн жашы төгүлдү. – Он эки жашка келгенче Дайыныңды билбедим.

Атаке, сени билгенде

Көрө албай жаткан жайыңды Ичимен сыздап кейидим. Алдыңда турам, ойронум, Уулуңду, ата, кечиргин.

Сени өлтүргөн Коңурду Өлсөм да тирүү койбоймун! – Көзүнүн жашын тыя албай. Турганда жашып Семетей

  • Сен кимсиң? – деп сурадыКүмбөзгө келген кан Бакай. Айтып берди Семетей Ичиндеги арманын:
  • Мен кыргыздын кулуну,

Кан Манастын уулумун,

Тууган энем Каныкей

Чоң энем менин Чыйырды,

Өз атым менин Семетей,–

Деген сөздү укканда, Семетейди кучактап,

Ыйлады Бакай бышактап:

  • Манастан калган чырагым,

Элине качан келет деп

Эзелтен сени күткөмүн, Жол карап ыйлап жүргөмүн.

Мен Жакыпка барайын,

Сараң чалды дүрбөтүп,

Сүйүнчүсүн алайын! –

Деп, ошентип кан Бакай, Жетип барды Жакыпка:

  • Абаке, Жакып, сүйүнчү,

Душманга болсун күйүнчү!

Семетей келди, тосуп ал! Энекеси  Бакдөөлөт Сүйүнчүңдү берип сал!

Жакып кан турду ойлонуп,

Тескери карап толгонуп, Бери карап күлгөнсүп,

Кан Бакайды сүйгөнсүп:

  • Болсун, Бакай, болсунчу! Баламды бачым алып кел, Көрүп көзүм тойсунчу!

Сагынган балам келиптир, Тилекти Кудай бериптир! –

Деп, ошентип бай Жакып

Эр Бакайды жөнөтүп, Катынына кеп салды, Кеп салганда деп салды:

  • Ой, байбиче Бакдөөлөт,

Семетей келип калыптыр,

Башынан бузук, ит Бакай, Баланы колго алыптыр. Өжөр жетим соо турбайт, Өчөшкөнүн соо кылбайт.

Өлмөйүнчө тынбайт го,

Кытайдын каны Коңурдан

Манастын кунун алам деп, Казатка элди айдайт го!

Абыке менен Көбөшкө Эч жакшылык кылбайт го? Өзүм ичкен идишке Бакайга шарап суу бергин! Шербетке чылап аябай, Семетейге уу бергин!..

Шарапка Бакай дуулансын, Заар ичип, жетим уулансын!

Байбичем, бачым тургун,– дейт,– Бакай кайтып келгинче, Даяр болуп тургун! – дейт! Жакыптан бул сөз чыкканда, Бакдөөлөт муну укканда: – Өз баласын өлтүргөн, Э, кокуй, сендей жан болбойт! Небересин өлтүргөн Эзелде, сендей чал болбойт! Ууңду Жакып, чылабайм, Айтканыңа чыдабайм!

Убалың тиет балдарга!

Кабарың кетет кандарга, Жамандыгың угулат, Кемпир-кесек, чалдарга!

Бул сөзүңдү койгун! – деп,  Бакдөөлөт айтып турганда…

Бычагын кындан сууруп,

Бакдөөлөттү кууруп,

Жакып турду калтылдап, Токолуна баркылдап: – Азыр сени со¸юн, Унчукпас кылып ко¸юн! Өчүмдү сенден аламын, Заматта жайлап саламын!

Шамшарын алып колуна,

Оолугуп Жакып турганда,

Коркконунан Бакдөөлөт,

Аякка ууну чылады

Не кыларын биле албай, Кудайдан коркуп ыйлады. Семетей менен кан Бакай Кирип келди «салам!» – деп.

Семетейдин алдына Бакдөөлөт менен Жакып кан Басып барды «балам» деп. Кайгыргансып бай Жакып, Семетейге салды кеп:

– Жетимим сени сүйдүрбөй,

Чебер-чендүү күйдүрбөй,

Арстаным Манас өлгөндө, Чыйырды эстен адашты. Каныкейге кошулуп, Таштап кетти Таласты.

Көрдүм, балам, көзүңдү, Агаларың сагынып, Күтүп жүрөт өзүңдү!

Ой, байбиче Бакдөөлөт!

Арак, шербет куйсаңчы, Суусап келген балама Шербеттен бачым сунсаңчы!

Өзүм ичкен шараптан

Эр Бакайга куйсаңчы! – Кумурадан Бакдөөлөт

Бакайга сунду шарапты

Шербет куюп уу салган

Аякты сунду балага,

Бай Жакыпка билгизбей, Калбайын деп балаага Көз кысып, башын чайкады.

Семетей муну байкады, Колундагы  аякты Кайра сунду Жакыпка: – Адашпайын жолуман

Арбагың улуу, чоң атам,

Ичип кой менин колуман! – Деп, ошентип Семетей

Тура калып сунганда,

Бай Жакып шашты жалдырап, Сөз баштады балдырап:

– Сапар кетер чагымда,

Кыстаба, балам, «ичкин» деп, Кыямат кетер табымда.

Таттырба даамын мунуңун,

Ичип кой өзүң, кулунум! –

Көргөндө муну Семетей,

Ачуусу келе баштады, Ит аякка алпарып, Шарапты куюп таштады.

Маңгыт-даңгыт иттери Жыттаганда кулады, Жансыз болуп сулады.

Көргөндө муну Семетей

Өлтүрмөк болуп атасын,

Токтоно албай жаш бала Кылычын алды кынынан. Жанындагы эр Бакай Кармап калды колунан:

  • Сабыр кыл, балам Семетей,

Өлтүрбө чоң атаңды,

Жараткан Кудай кечирбейт,

Кан төккөн бул катаңды! –

Семетейди жетелеп,

Эшикке чыкты кан Бакай,

Ак сакалын жайкалтып, Бозчологун чайпалтып, Жөнөдү кан Көбөшкө:

  • Семетей келди, сүйүнчү!.. Кас душманга күйүнчү, Канатың келди тосуп ал!

Кайгырып кеткен иниңди

Кадырлап элге кошуп ал! –

Бул сөздү Бакай салганда, Көөлдөгөн көр Көбөш

Ачуусу келип, чыр салды, Кубанып келген Бакайды Кол бакан менен бир салды. Кан Бакайдан ал кетти,

Чоролор чуркап барышып,

Көбөштү кармай калышып,

«Кечиргин аба, кечир!» – деп,

Бакайдын башын таңышып, Карылары Көбөштү Тилдеп калды жабышып. Ошондо курган Абыке, Кан Бакайга какшады: – Арбак урган Көбөштү Анык Кудай урду го?! Армандуу дүйнө кантейин, Иш бузулуп калды го?! Абаке Бакай, сабыр кыл, Азапка мени салды го?!

Баш айрылса, жабылуу Бөрк ичинде калса экен! Арманым катуу, дартым зор, Көбөштөн күйүп, болдум кор! Энелеш болуп калганым – Маңдайымда калың шор! Тосуп чыгып Семеңди Абыке соолук сурашты. – Чымчыктай кезде айрылган, Чырагым, аман келдиңби? Чырпыктан өсүп жетилген, Чынарым, аман келдиңби? Эли-жерин сагынган, Жеңем аман жүрөбү? Кан байбиче Чыйырды – Энем аман жүрөбү? Кан Темирдин баласы – Кудам аман жүрөбү?

Букарга качып кеткениң – Көр Көбөштүн чатагы.

Менден кичүү түгөнгүр, Айтсам албайт тилимди.

Караңгы кылды күнүмдү!

Иттигин көрчү Көбөштүн, Жеңем менен касташты  Ургаачы менен басташты. Атпай кыргыз көп тууган,– Эл сеники Семетей! Керилип жаткан кең Талас Жер сеники Семетей!

Ысык-Көл, Нарын Чоң-Алай

Жалпы кыргыз тууганың,

Эл сеники Семетей! – Деп Абыке буркурап, Арманын айтты зыркырап.

Эр Семетей кеп салды, Кеп салганда деп салды:

– Абыке агам, айбың жок, Ыраазы болдум сөзүңө. Кимиңер ким экениң Көрүндү ачык көзүмө.

Элимди жайлап алайын, Жакшылык салтка салайын!

Капа болбо, абаке,

Семетей сенин маанайың! –

Семетей антип турганда,

«Аман болгун, жалгыз!» – деп, Абыке турду буркурап.

Чогулуп келген көп кыргыз, Эр Семетей балага

Батасын берди чуркурап.

* * *

Аны таштай салалы, Аяр энең Каныкей Андан кабар алалы.

Таласка кеткен баланы Ойлосо күйөт жүрөгү… Уйку качып жол карап, Уйпаланып түн өтпөйт.

Жыгыла жаздап ыргалып Жылга айланып күн өтпөйт.

Бир күнү чыгып мунарга,

Кайран энең Каныкей

Дүрбүнү салып караса,

Атасы Манас өңдөнүп

Асынганы ак келте,

Айдалыда жаркылдап, Астындагы Тайбуурул Келе жатат алкылдап…

Семетей эсен келгенде,

Таятасы Темиркан,

Тосуп алды сүйүнүп Сөз баштады күйүнүп:

– Желке көйкөл тон болбойт,

Жээн деген – эл болбойт, Эзелтеден дегендей, Эли бар киши кем болбойт. Көрөөр көз нур сулуудан

Коштото жүктөп кыз себин Колукту алып беремин!

Букардын кандай экенин Барганда кыргыз эл билсин.

Ардагым, алар колуктуң

Букарда жетпес болгон кыз,

Буруусуз сынга толгон кыз, Эр зайыбы болчу кыз, Эптүү, сулуу илегер!..

Алганга алтын белектей

Шаатемир кызы Чачыкей

Билсин десең, кулунум, Бир таканчык жери бар…

Жедигер ханы эр Толтой Кудалашып келгенде Шаатемир кызы Чачыкей: – Өлсөм да буга тийбейм деп, Тултуңдаган кеби бар.

Ызаланган эр Толтой

Кайрылып кайра келбеди,

«Алам» же «албайм» дебеди, Калыңын кыздын бербеди. Толтой келсе чыр баштап Катыра жообун беремин.

Шаатемир менен таятаң,

Ага-ини болот аталаш

Ашы бирге баталаш,– Деп, ошентип Темиркан

Ажырашаяк, үйлөнүү,

Экөөнө бир той кылды,

Молдолорун чакырып

Чачыкей менен Семеңдин Ак никесин кыйдырды. Чачыкейге берген сеп Он алты төөгө жүк болду.

Алтын, күмүш буюмдар Сандыктарга жык толду.

Калың килем жаптырды

Канча бир дүкөн буюмун Кайкалата арттырды. Жебилгиси жер чийип, Узатышты баатырды.

Чыйырдыга кудалар Жибек менен баркыттан Көйнөк, чапан кийгизди.

Кара кашка аргымак Каныкейге мингизди.

Көгүчкөндөй Чачыкей

Көк торгун көйнөк этегин

Көйкөлтө жерге тийгизип

Эрке келин Чачыкей,

Ичинен жымың сүйүнүп

Энчилеп берген атасы

Чийторуну мингизип,

Жол баштады Семетей,

Самаркан кыйгай кыдырып,

Колтугу Кокон, чоң Ташкент Койбой баарын сыдырып. Сыр-Дайра бойлой кечишти Таласты көздөй кетишти.

Кайнарга калың көч келип

Токтогонун көргөндө,

Өчкөн оту тамгандай,

Өксүгү толуп калгандай,

Калктын баары жабырап, Сүйүнгөндөн жан калбай, Жатып ичер чал калбай, Алдынан тосуп чыгышты.

Чыйырды менен көрүшүп,

Каныкей менен өбүшүп,

«Энебиз аман келди» деп, Эренден калган жетимдер

Эреркеп ыйлап чыркырап,

Чыйырды ыйлап чыңырып,

Бакайды баса жыгылып,

Каныкей ыйлап камсыгып,

Сүйүнгөндөн ыйлашып,

Кадырын салып сыйлашып,

Ый басылып, күлүшүп, Туш-тушунан ырчылар Жар салышты ырдашып.

Семетей келди дегенде, Абыке келди Көбөшкө.

– Семетей көчүп келди,– дейт,

Иттигиңди карматпа, Акмак болуп элирип,

Акылыңдан адашпа,

Жамандык албай оюңа,

Жакшылыкка жол башта, Чыйырды менен Канышка Учурашып келелик! Бул кепти айтып Көбөшкө Абыке барды Жакыпка: – Манастан калган жалгызың – Семетей көчүп келиптир. Таарынчың болсо кечиргин, Жазыгы жок жетимдин. Убалга, ата, калбагын,

Тумшугу жок киши элең, Тукумун үзүп салбагын! Айланайын атаке, Ойлогун Манас арбагын! Кан Жакып турду күпүлдөп, Баласын тилдеп дүпүлдөп:

– Абыке, сен оңбойсуң!

Акмактыгың койбойсуң!

Семетей элге келгенде,

Элирип мындан кеп чыгат, «Эл меники» деп чыгат. Калк ичинен кеп чыгат, «Калкты бийлейм» деп чыгат. Акылы чоркок Абыке,

Каласың көрдүн четинде. Журт айланат жетимге. Эки күн өтпөй эсирип, «Эл меники» – деп айтат. Энеси бетпак үйрөткөн, «Жер меники» – деп айтат.

«Жайылып жаткан сан кара, Мал меники» – деп айтат.

Манастын кунун алам,– деп

Коңурдан өчүм алам,– деп

Эр-жигиттин баарысын, Керек болсо карысын Зордуктап айдайт казатка! Кытайга барып кырылып, Кыргыздар калат азапка.

Мындайды далай көргөнбүз, Атасы Манас барында

Баатырдын баарын көмгөнбүз!

Көбөш балам, кайдасың?

Жетимдин тапкын айласын! Камындырбай барып кел, Айдап жолго салып кел!

Каршылык кылса Семетей, Жетимдин башын алып кел! Колуңда кандык турганда, Чаларыңды чалып кел!

Элирген эки канчыкты

Жетелеп мында алып кел! – Атасын угуп кан Көбөш Жамандыкты баштады. Семетейдин айлына Чабуул коюп таштады.

Манастын уулу Семетей Каршы чыкты Көбөшкө.

«Ата сендей болбойт го, Айлыбыз жакын конбойт го?

Жанымды тирүү койбойт го?! Аянамын несин?» – деп. Манастын уулу Семетей

Сырнайзаны булгалап,

Тайторуну минди дейт,

Качырып эми кирди дейт,

Кара жандан түңүлтүп

Аттан сайып түшүрдү

Көр Көбөштү бүгүлтүп,

Кармап алды качырбай, Абыкени карматты.

Экөөнү тең байлатып

Орго салып каматты.

Байдын уулу эр Бакай

Жетелеп келип Жакыпты Абыке менен Көбөштүн Үстүнө салып жайлатты.

Эл чогулуп келгенде

Акылман Бакай кеп айтты, – Жакып болсо жайланды, Көбөштүн жолу байланды.

Айласы кеткен Абыке

Ак-карасы билинбей,

Карага иши айланды, Манастын уулу Семетей Кайрылып келди Таласка.

Акылман болсо, баатырлар, Бийликти мындан талашпа! Жакып кан менен Көбөшкө Жакын барып жанашпа!

Манастан калган кырк чоро,

Башчы болгон Кыргыл чал,

Манастан калган баатырга

Чоро болуп алгыла, Душман келсе Таласка Кыйратып жолго салгыла! Обу жок бийлик талашып Жамандыкка барбайлы!

Биригишип кайрадан

Кыргыздын жерин сактайлы! – Угуп турган калың эл Бакайдын сөзүн жаратты. Алкышын айтып кан Бакай Чогулган элди таратты.

ЧОРОЛОРДУН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ

 

Тазбаймат айтты такылдап Кырк чорого бакылдап:

– Эй, чоролор, чоролор!

Канткенде ишиң оңолор? Семетейге уялбай Кантип жакын барабыз? Кыргылчал кылган иши үчүн Балакетке калабыз!

Каныкейди какшаткан, Элден-журттан кубалап, Эркенин маңын бастаткан. Семетей менен Бакайда – Ойной турган доо болбойт.

Кырк чоронун биринин Кара башы соо болбойт.

Балакетти кылбайбы, Кытайдан өчүм алам деп, Семетей бизди кырбайбы!

Кыргындан аман калалы,

Ажалдан мурда тирүүлөй, Ооганга кетип калалы! «Байматтын сөзү» туура деп, Чоронун жашы, карысы. Бардыгы качты Ооганга Түн жамынып, баарысы.

Бир күн өтүп кеткенде,

Чоролордун кабары

Бардыгына жеткенде Капа болду Семетей:

«Кара мүртөс чорого, Качан кылдым зордукту?! «Ай» деп койгон жерим жок, Жаман айткан кебим жок.

Чоролор менден жатыркап, Коркуп качар эби жок». Качкандарды кубалап,

Жөнөп калды Семетей Жоболоңдуу жорукка Карызы бар немедей…

* * *

Муну мындай таштайлы, Жапа чеккен Каныштын Жоругунан баштайлы: «Көбөштү көргө киргизип, Дүйнөдөн көзүн жойгула!

Кырк чоро качып кеткен соң,

Арамдарды бул жерден

Тындым кылып койгула!»,–

Колундагы жасоолдор

Буйрукту эки кылбастан, Жакыпты жайлап таштады.

Көбөштү ордон чыгарып, Абыкени алдырып, Каныкей сөздү баштады. – Капа болбо атаңа, Кайгырбагын агаңа!

Кыянат болсо, бир тууган Кылмышын тартат ар качан. Аман койдук, Абыке, Ниетиңдин агынан! Абыке анда кеп айтат, Өзүнө макул эп айтат:

  • Ак да болсом, башыма Азаттык сурап албаймын!

Атам өлүп, мен калып,

Агам өлүп сандалып, Калк ичинде уялбай

Кантип жүрөм жан багып?!

Чыйырды турду чаңырып,

Карт жолборстой чамынып,

  • Кара жолтой кан Жакып

Мен касташкан кара жоо, Жакыптын эки күчүгү – Абыке, Көбөш – мага жоо. Абыке кулду сойгула!

Жезит чалдын тукумун

Бир жолу үзүп койгула! – Каныкейди ээ кылбай, Чыйырды чырды баштады. Абыкени актабай, Аны да жайлап таштады.

* * *

Куугунга кеткен Семетей

Кара-Колдун башында,

Жалпак-Таштын кашында Чорого жетип кеп айтты: – Кылайган менин өзүмдө Кине барбы? – деп айтты.

Чоролор токтой тургула!

Чогулуп кеңеш кургула! Менден айып иш өтсө, Кечирип сабыр кылгыла! Кечээ келдим калкыма, Атпай кыргыз жалпыңа.

Калыстыктан кеттимби?

Айып кетсе өзүмдөн, Айланайын чоролор, Кечиргиле жетимди!

Аңдып жүргөн жоолор көп,

Жалаа менен доолор көп, Силер минтсең, чоролор, Эл ичинен эп кетет!

Бөлүнүптүр кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет!

Кан жыттанган Коңурбай Көп кытайын ээрчитип, Жерибизди тепсетет!

Кыргыз атын өчүрүп, Алда кимдер жеп кетет!

Кагылайын чоролор,

Атым тартуу, силерге

Башым тартуу, силерге,

Деп, жалынды Семетей – Семетей келсе жакындап.

Аянбай, чоро, киргин! – деп,

Кыйкырды Кыргыл бакылдап…

Антташып алган чоролор,

Жалгыз келген Семеңди

Тегеректеп жаа тартты, Тытып кетчү немедей, Найзаларын сунушту. – Таласка кеткин кайра! – деп Бакырып Кыргыл урушту.

Тайбуурулдун соорусун

Суу төккөндөй кандашып,

Чындап кирген кезинде

Бала жолборс Семетей,

Көп каргага бир шумкар

Жалгыз тийген эмедей, Оң жагынан келгенин Ойрон кыла баштады.

Сол жагынан келгенин Солдойто чаап таштады.

Тегиз кыргын болгончо,

Антка бекем чоролор, Жан оозунан кеткиче, Жан соогалап качпады… Эрегишкен Семетей Баарын кырып таштады.

«Кандай иш кылып койдум,– деп, Кырк чорону кырдым!» – деп, Семетей кирди арманга.

«Өздөн чыккан өрт жаман,

Өздөн чыккан жат жаман»,–

Деп, ошентип, Семетей

Кочкордун калкын жыйдырып,

Кол алдына сыйдырып,

Жердин бетин ачтырып,

Көрүн терең каздырып,

Кара жерди ойдуруп,

Ашын мыктап сойдуруп,

Келген элдин баарысын

Этке-майга тойдуруп,

Кырк чоронун бейитин

Кыркалата койдуруп,

Кызматы өткөн Манаска,

Кырк чоронун жоругун

Уруулуу журтту сындатып,

Ар бирөөнүн эрдигин

Жомокчуга ырдатып,

Атактуу уста алдыртты,

Ак күлбото чалдыртты,

Кырк чорого кырк күмбөз Кыялдатып салдыртты.

* * *

Манастын уулу Семетей Кырк чоронун артынан Кочкорго кууп барганда.

Салгылашып кан төгүп,

Кыркын тең кырып салганда, Чоролордун көчүнөн Эки жигит тааптыр. Экөөнү атка мингизип, Каныкейге барыптыр.

Балдарды көрүп энеси

Семетейге айтыптыр: – Биринин аты Күлчоро, Биринин аты Канчоро. Күлчоронун атасы

Кан Алманбет арыстан, Жанындагы Канчоро Эр Чубактын баласы. Эки бала эки эрден Артында калган туягы. Эки баатыр жаратып, Жагып кеткен чырагы. Чубак менен Алманбет

Казаттан каза тапканда,

Атакең Манас – береним

Кечирим сурап, буркурап

Таласка жалгыз кайтканда, Сен жалгызым Семетей Алты айлык бала болчусуң. Калыйча менен Арууке

Толготуп калды бир күнү, Эр Чубактын Калыйча Уул төрөдү бир түнү. Алманбеттин баласы Аш-кайнам артта туулду.

Калыйча менен Арууке Экөөнүн тең көздөрү Төрөтүнөн жумулду.

Душмандардан жашырып,

Балдарды өзүм алгамын, Коколой эки жетимге

Эмчегимди салгамын. Күлчоро эмген эмчектен Аппак сүтүм чуурган. Канчоро эмген эмчектен

Тамчылап кан куюлган.

Эч кимге муну айтпадым,

Үчөөңдү тең эмизип

Өзүм койдум аттарын.

Бирөөнүн атын «Күл» – дедим Бирөөнүн атын «Кан» – дедим. Эмчектен чыккан сүт, канга Жараша атын тергедим.

Букарга качып кетээрде

Жашыруун барып балдарды

Чоролорго тапшырдым, Андан кийин не болду Билбедим балдар тагдырын.

Манастын уулу Семетей

Эки жетим балага

Той берем деп жар салды,

Канчоро менен Күлчоро «Инилерим» – деп калды. Эмчектеш эки досуна

Тон тиктирип кийгизди, Колуна найза карматып

Ат жакшысын мингизди.

СЕМЕТЕЙ МЕНЕН ЧЫНКОЖОНУН ЧАТАГЫ

Жуманын кадыр түнүндө,

Семетейдин ордодо,

Абасы Бакай кары бар,

Үч-Кошойдун боюнда

Аргын каны Сары бар,

Акыл табар дагы бар, Ак жоолуктан олуя – Каныкей бейбак дагы бар.

Эштектердин Жамгырчы Акылман кандын баары бар.

Кырк калчасын ээрчитип,

Манастан калган мураапы, Ободон жылдыз козголгон, Дөөтү менен дос болгон, Бөлөкбай уста дагы бар. Манастын уулу Семетей Айта турган кеби бар: – Кабар албай кытайдан, Карап турган оңобу?!

Бекзааданын жалгызы, Бейкапар жаткан болобу?! Жети күндүн бири өлүм, Өлүмдөн корккон оңобу?! Баашалуу кытай, кака журт Кармашпасак болобу? Бээжинге барып кытайдан Атамдын кунун аламын! Кан Коңурбай баатырга Калайманды саламын! Бир атам эмес, андан мен Кырк атам өчүн аламын!

Укканда муну кан Бакай

Бушайман болду бир далай.

Атасын тарткан Семетей Көздөгөнгө жетмейин Тынбайт экен, капырай!

  • Кытайга каршы турууга, Күчүбүз жетпейт, балдарым!

Биригишип кайрадан

Бириккен кандык курмайын! – Деп ошондо эр Бакай Кеңешин салды ортого:

  • Шыгайдын уулу Чынкожо

Кебез тоону жердеген Келберсиген эр деген.

Белге таңуу бел ошол.

Кытай менен кармашсак Карсылдашып салышсак Кайрат кылар эр ошол.

Туу түбүнө туруучу,

Душманга каршы туруучу, Кайратты мыктап кылуучу, Белге таңуу бел ошол!

Сары-Колду жердеген,

Атагы нойгут эл деген,

Шыгайдын уулу Чынкожо

Буйругу менен Кудайдын

Кашкар жакта калыптыр, Эл-журтуна кан болуп Бийликти колго алыптыр.

Бирдикке келсе Чынкожо,

Кең-Кол бойлой ал консо,

Таласты бойлой биз консок,

Туугандашып бир болсок,

Кыргызга душман келе албайт, Коңурбай каршы туралбайт.

– Андай болсо, абаке!

Алты күлүк ат тартып.

Аянбай дүйнө бат тартып, Чынкожого барып кел,

Макул болсо тууганың,

Журту менен көчүрүп, Өз жерине алып кел! – Деп сүйүндү Семетей Агасын тапкан эмедей.

Шыгайдын уулу Кожого

Алты күлүк ат кошуп,

Алакандай кат берди, Канчоро менен Гүлүстү, Бакайга кошуп жиберди.

Тоо башылап сыдырып,

Жердин үстүн кыдырып,

Адыр-адыр жер басып,

Адырмак ала бел басып,

Баатыр Бакай кабылан

Туура тарткан кыр менен,

Тунук булак суу менен

Масейилди ашыптыр,

Кең Кашкарды басыптыр,

Чоң Котонду жакалап,

Тулпарларды такалап, Кебез-Тоого барыптыр.

Шыгайдын уулу Чынкожо Кебез-Тоону жердеген, Келберсиген эр экен. Төрө Бакай карыя,

Эченди көргөн олуя

Жолду баштап киргени,

Жолборс сындуу Кожого Салам айтып ийгени:

– Адыр элек кыялаш,

Аманбы, Кожо, кулунум? Аркагым бирге уялаш.

Терең го сенин арманың, Нойгутка кетип калганың.

Төрө Манас султаның Кыямат көздөй кеткенде Топурак келип салбадың. Калк чогулуп көмгөндө Абакелеп турбадың.

Дүйнөдөн Манас өткөндө,

Каралуу катын Каныкей Жетилип калган Семетей, Букарада чоңоюп.

Кайрылып келди элине, Киндик кан аккан жерине.

Чынкожо балам, тилимди ал, Кайра көчкүн Таласка,

Кайгырып баргын Манаска. Күрдөөңдү тапчу жер ошол.

Күтүп алчу эр ошол, Кара курттай каапырга, Кан Коңурбай баатырга.

Казатты мыктап кылууга, Бейпайды катуу салууга Береним сага жиберди.

Жанымдагы эки шер – Душмандан коркпос кеменгер.

Күмүштөн кемер курчанган,

Күндөй бетин нур чалган, Күлүңдөгөн бул жигит Алманбеттин баласы.

Орто бойлуу, кең далы

Тоюна токсон союлган, Канчоро аты коюлган, Эр Чубактын баласы.

Кадырлаш тууган сен элең, Кадырың билген мен элем…

Келгендин жайын билип ал, Көкжалым Кожом, тилимди ал!

Шыгайдын уулу Чынкожо,

Агын суудай күпүлдөп,

Чапкан аттай дүпүлдөп, Каарданып күүлөндү,

Келгендерге сүйлөндү:

– Угуп кой, Бакай абаке! Бу сөзүңдү албаймын Таласка көчүп барбаймын! Өз каны бар Таласты Кантип барып жайлаймын? Таласың артык жер бекен?

Семетей менден эр бекен?! –

Алманбет качып кытайдан Маанайын тапкан кыргыздан.

Көкөтөйдүн ашында

Алманбет болуп башында, Кууланып ат чабышта Кытайдын баарын алдаган. Аккуланы сүрөтүп, Кандуу чатак баштаган.

Нааразы болгон алты кан

Манаска каршы чыкканда,

Атакең сенин Алманбет

Манаска акыл үйрөтүп,

Кандарга каршы сүйлөтүп Чоң казатка айдаган!

Бээжинге барып өзү өлүп, Кыргыздын баарын жайлаган.

Таласка кайтып эр Манас, Кечирим сурап элинен Ботодой боздоп ыйлаган! Эсирген уулу Семетей Кытайга кайра барабы?

Коңурбай менен кагышып Кайрадан түйшүк салабы?!

Кыргызды кырып алабы?! –

Көкөтөйдүн ашында,

Кайгылуу казат башында

Атакең сенин турган деп

Күнөөнүн баарын Чынкожо Алманбетке артканда,

Ызаланып Күлчоро

Кара жаак камчысын

Кармай калып имерди, Бакырган Чынкожону Төбөгө тартып жиберди.

Төбөгө камчы тийгенде

Эсинен кетип Чынкожо Отуруп калды оңшоюп, Тонолгон нардай шоңшоюп. – Эсине Кожо келгенче

Чыккыла! – деп бакырып, Чоролорду эр Бакай Жетелеп чыкты шаштырып.

Жайлоону көздөй жөнөштү

Тулпарларын чаптырып,

Чынкожонун жылкысын

Жайытынан көргөндө

Күлчоро менен Канчоро

Үйүрдү көздөй бет алып

Ач кыйкырык, чуу салып,

Добулбасын каккылап,

Алмак-салмак аткылап

Нойгуттардын жылкысын Алдыга айдап алышты, Таласка жол салышты.

* * *

Эсине келген Чынкожо

Өлөмүн деп өлө албай

Каарданып чыкканда,

Байлоодогу кара аттын

Кутурган кул Күлчоро Кулагын кесип алыптыр, Ногойдун энин салыптыр.

Жайытка келсе жылкы жок, Жайыты  бош калыптыр,

Олжону Кудай бериптир,

Бирин койбой жылкысын Түгөл айдап кетиптир.

«Атасын кытай өлтүргөн

Жедигердин эр Толтой

Ошого кирип барайын,

Жер майышкан сан колун Өзүмө кошуп алайын.

Букарга барып Семетей Эр Толтойдун зайыбы Чачыкейди алыптыр. Сүйгөнүн Толтой алдырып, Ызаланып калыптыр.

Толтойду Кудай урабы,

Козголоң салып көтөрсөм,

Намысы болсо эр Толтой

Салгылашпай турабы,

Тирүүсүндө кан Манас

Оогандын каны Акунга

Кудалашкан жери бар,

Акундун кызы Чүрөктүн Семетей деген эри бар. Нике тою болгончо

Ооганга кирип барайын,

Кызыңды мага бергин деп Каран күндү салайын.

Кудалашкан зайыбын

Катын кылып алайын,

Семетейди со¸юн,

Күлчоро деген наадандын Эки көзүн о¸юн!

Беренсиген жетимди Кулдары менен кырайын.

Таш коргонун талкалап,

Таласты чаап алайын,

Манастын уулу качкындан Ушинтип өчүм алайын»,–

Деп ойлонуп Чынкожо

Ызалуу жүргөн Толтойго Камынып барып кеп салды: – Семетейден кек алсаң,

Акун кан деген кайны бар, Ала турган ошондон Айчүрөк деген зайбы бар. Атасы Манас антташып Кудалашкан жайы бар.

Кошуунду кошуп барабыз,

Акун кан шаарын чабабыз, Айдай болгон Чүрөктү Ашкере тартып алабыз. Чачыкейди тарттырган Өчүңдү сенин алабыз!

Акун кан кызын бербесе Ооганга кыргын салабыз!

* * *

Ката тилин кайраган

Кан алдында тайбаган

Чынкожонун элчиси Акун канга барды эми, Божурап сөзүн салды эми:

– Жедигердин Толтойу

Жети түмөн кол менен,

Шыгайдын уулу Чынкожо

Алты түмөн кол менен

Келе жатат Ооганга,

«Айдай кызын Акун кан Аялдыкка берсин», дейт.

«Айчүрөктү бербесе.

Чабышаар жерге келсин», дейт.

Элчини угуп Акун кан Ачууланды абыдан: – Айдай болгон кызымдын Кудалашкан жери бар. Эр Манастын баласы Семетей деген эри бар.

Айтып баргын каныңа,

Бермек тургай кызымды,

Жолобосун жаныма! – Бул кабарды уккан соң,

Шыгайдын уулу Чынкожо

Тууну берип Толтойго,

Акун кандын шаарына Чабуул коюп калды эми. Акун кандын аскери Астынан тосуп барды эми.

Каңгырап найза кагышып,

Как жүрөккө малышып

Айбалта тийип чекеге, Алда канча жигиттер Өлүп жатты жекеде.

Кожоңдогон Чынкожо

Дүмөктү мыктап салды эми, Акундун шаарын айлана, Камап жатып калды эми… Акункандын Айчүрөк Атасына келди эми:

– Олжо катын болгончо,

Минтип кордук көргөнчө, Эр Семетей баатырды Издеп келем өлгөнчө.

Семетей анык эр болсо,

Толтойдон мени куткарар,

Айыгышкан душмандан,

Салгылашып өч алар! – Деп, ошентип Айчүрөк,

Акылы жандан табылып,

Ак куу кебин жамынып, Канатын күнгө каккылап,

Куйругун кумга чапкылап, Асманга учту сыдырып, Ай ааламды кыдырып. Чет Бээжиндин оюнда,

Жекендүү көлдүн боюнда,

Сары ала жылкы сандан көп,

Сур жылкысы андан көп,

Коңурбайдын көп жылкы Жаткан экен жер жайнап, Жашылданган төр жайлап.

Алгара минип койкоюп,

Чоң өтүк бутта чойкоюп,

Алтындан топчу чоң күрмө

Айдалыда жаркылдап,

Алдындагы Алгара

Алчыланып шартылдап, Аркасында айдары

Аргымактын жалындай, Каардуу кытай башы бар, Калпакта шуру ташы бар. Муруту буурул болуптур, Далай жашка толуптур. Муну көрүп Айчүрөк, Андан ары учту эми.

Чоң-Ополдун оюнда,

Сары-Көлдүн боюнда

Буудайык кандын Музбурчак

Сакалы бар бир кучак, «Сакалынын агы экен, Сапар кетер чагы экен.

Жалдуу кара шер экен!

Кармашкандан кайтпаган,

Бир кезде жигит эр экен!»

Деп, ойлонуп, Айчүрөк

Алайды басып сыдырып,

Анжыян менен Ташкенди Аралап учуп кыдырып,

Кара-Буура, Чаткалдан

Кайра айланып чыкты эле,

Кең-Колдун маңдай жагында, Айга баккан ак сарай Абыдан көрүп алды эми. Асмандагы Айчүрөк «Издеп келген Семеңди Таптым го?!» деп калды эми.

Кайнатам Манас баатырдын

Үстүнөн учуп өтпөйүн,

Арбагына чет болуп,

Арам болуп кетпейин!» –

Деп, ошентип, Айчүрөк Ала-Тоо башын айланып, Ар жагы менен учту дейт. Алмалуу-Булак, Шумкар-Таш Ашып учуп түштү дейт. Боз секиге Айчүрөк Жетип барып конду, дейт. Аккуу кебин чечинип, Анык адам болду, дейт.

Ал аңгыча болбоду,

Эрке катын Чачыкей

Ордодон чыкты маңкайып,

Ак кулжадай даңкайып,

Наакери бутта тайпайып, Элечек башта кайкайып.

Алтындан кылган чоң сөйкө

Акыректе жаркылдап,

Шурудан тизген чач мончок

Аркасында шаркылдап, Басып чыкты Чачыкей, Ак булуттай калкылдап.

«Эр Семетей баатырдын

Никелүү зайбы ушудур, Ургаачынын узудур.

Арзы-муңум айтайын,

Акылдашып кайтайын»,–

Деп ойлонуп Айчүрөк

Арка чачын булайтып,

Ак тамагын кылайтып, Татынакай кыз болуп, Басып барды муну айтып: – Сары алтындай эжеке, Соо-саламат барсыңбы? Эжеке, жаным угуп кой, Айта турган дартымды:

Шыгайдын уулу Чынкожо

Толтой менен дос болуп

Шаарымды басып камады, Эл-журтумду талады. Кудалашкан Чүрөгүн Кан Семетей алабы?

Толтойго берип салабы? «Күнүлөш болуп калат» деп, Көңүлүңө албагын!

Атап туруп ант берем, Атабыз Манас арбагын! Өрүдө үйүң оңдоюн,

Көчкөндө төөң комдоюн, Жалган айтсам оңбоюн!

Күңүңдөй кызмат кылайын,

Эр Семетей каныңдын

Байбичеси сен болсоң,

Токолу болуп калайын! –

Деген кезде Чачыкей

Чочуп кетти солк этип, Чочугандан жүрөгү, Чыга жаздап болк этип: – Шайтан урган карабет, Шакылдабай ары кет!

Кайдан келген долусуң,

Кандай жандын шорусуң?

Сага окшогон чор таман Чачыкейге тең эмес! Айтканыңды кылгандай, Арачы кишиң мен эмес. Баатырдын уулу Семетей Сени алуучу шер эмес.

Долуланып, какылдап

Бул айтканың кеп эмес! –

Деп кыйкырды Чачыкей.

– Айланайын эжекей,

Чынкожо, Толтой деген жоо,

Семетей менен кас экен, Камсыз жаткан төрөңө Кара боору таш экен.

«Акундун кызын алам,– дейт,

Семетейге барам,– дейт,– Таласты камап алам»,– дейт,

Мага эже сен болсоң,

Сага сиңди  болоюн, Тамаша менен таң атсын, Күлкү менен күн батсын! Алты күнү саа жатсын, Акыркы күнү маа жатсын!

Жети күнү саа жатсын,

Жетпеген күнү маа жатсын,

Көчкөндө төөнү айдайын,

Өрүүдө бээни байлайын,

Кололуу кумган колго алып,

Кол жуугучуң болоюн,

Бедерлүү кумган колго алып,

Бет жуугучуң болоюн! –

Деген кезде Айчүрөк

Жин уруп кеткен эмедей, Долуланды Чачыкей:

  • Чачыңды кесип албасам,

Күң кылып ишке салбасам,

Таманыңды тилбесем,

Эшек кылып минбесем,

Чачыкей болбой өлөйүн, Туубай туна чөгөйүн!

Укканда муну Айчүрөк

Жүрөгү чыгып кабынан Ачуусу келди абыдан:

  • Билип кой анда, Чачыкей, Баатырдын уулу Семетей Талаага чыкса, меники!

Үйдө калса, сеники!

Мергенге эртең барганда,

Акшумкарын салганда,

Ак була болуп бурулуп,

Алты түрдүү кубулуп,

Үч көрүнүп көзүнө,

Сыр көрсөтүп өзүнө, Жолго жатып каламын, Шумкарын колдон аламын.

Андан айла болбосо,

Ак балык болуп кылтылдайм,

Алтындай болуп жылтылдайм,

«Балык» деп басып алганда,

Канжыгага чалганда,

Колундагы шумкарын

Кармап алып качамын, Элине бүлүк саламын!

Андан айла болбосо,

Аккуу болуп аламын,

Башымды көлгө саламын,

«Куу» деп кушун салганда,

Эптеп кармап аламын, Семетейди ээрчитип, Элиме качып барамын! Өзүңө тиет карабет, Өзүңө кылган далбасаң! Ушул ишти кылбасам,

Туубай туна чөгөйүн,

Айчүрөк болбой өлөйүн!

Жети-Сууда жердеген

Эл меники, Чачыкей! –

Жер бетинде көйкөлгөн Көл меники, Чачыкей!

Манастын уулу Семетей –

Эр меники, Чачыкей! –

Деп, ошентип, Айчүрөк

Асманга учуп калды, дейт, Куюн шамал салды, дейт.

Караса көзгө илинбей, Кай кеткени билинбей, Көздөн кайым болду, дейт…

* * *

Ошол кезде Семетей

Тайбуурулдай күлүккө

Жолборстон үртүк жаптырып, Жибектен кежи тактырып, Баса токуп алды, дейт.

Куймалуу алтын үзөңгү Теппей ыргып минди, дейт.

Шаатемир кызы Чачыкей

Акырын басып шаңкылдап,

Айнектей көзү жаркылдап,

Алтындан кылган чач мончок,

Аркасында шаркылдап,

Төрөсүн кармап тизгинден, Анткорлонуп кеп айтат:

  • Токточу, төрөм! – деп айтат,–Бүгүнкү күнү шейшемби, Сапар кылар күн эмес. Акшумкарды колго алып, Сыртка чыгар күн эмес. Эрдигиң бар, эсиң жок,

Эчтеме менен ишиң жок.

Эки бала эрмегиң,

Жаныңда башка кишиң жок. Үч күн туруп аттангын,

Үч күндөн кийин ишим жок! –

Деген кезде Семетей

Ант ичкендей саргайып, Ачуусу келди арбайып:

  • Кан кармабас тизгинди,

Карабет долу, кармадың, Жан батпаган жанымды Кара жиндей арбадың!

Ко¸ бер, долу, тизгинди,

Келтирбе менин жинимди,

Сүйлөшөбүз келгенде! – Каарданып Семетей Жүрүп кетти мергенге. Теңирсинген Чачыкей Күлчорону чакырды:

  • Кагылайын Күлүсүм,

Кабак ачат күлүшүң,

Бура тургун атыңды, Сага айтамын датымды:

Жолуңардан үч түркүн

Сыр көрүнөт көзүңө,

Зыян тийип жүрбөсүн, Ишенем, Күлүс, өзүңө!

Акбула жатса, албагын,

Акчабак көрсөң барбагын, Аккууга кушту салбагын! Бул үчөөнүн биринен Азапка башың салбагын! Жеңендин айткан бул сөзүн Унутуп кокус калбагын!

Ушул ишти сен кылсаң,

Эне-атасы барктуудан,

Өзү назик нарктуудан,

Кытаттай кара чачтуудан, Калемдей кара каштуудан,

Айткан сөзү наздуудан,

Мурду порум мистедей,

Эти аппак чүчтөдөй,

Колу асыл күмүштөй,

Тиши аппак күрүчтөй

Сулуудан тандап келемин,

Бир күнкү кылган ишиңе

Ушундай тартуу беремин!  – Анда Күлүс кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты:

– Ой, жеңеке, ишенгин, Эркелигим эп болбос,

Абакем укчу кеп болбос Акбуланы алгызбайм, Ак балыкка баргызбайм!

Актайлактай аккууга

Акшумкарды салгызбайм! –

Деп, ошентип, шарт коюп, Жүрүп кетти Күлчоро, Шек алдырбай койкоюп.

* * *

Ошол кезде Чүрөгүң,

Болкулдатып жүрөгүн, Акмалап учуп калды, дейт, Бардыгын сынап алды, дейт. «Эр Семетей баатырың Айтканындай бар экен!

Кара көздөн нур жанган,

Кармагандан кан тамган,

Чоңдугу төөнүн нарындай,

Толкуну көлдүн шарындай,

Ысыгы күйгөн жалындай,

Маңдайына карасаң,

Кара кашка тынардай, Тулку боюн карасаң,

Сайга чыккан чынардай,

Жорго минип шартылдап, Жүрөр күнүм бар бекен?! Эр Семетей баатырга Тиер күнүм бар бекен?! Дөгүрсүгөн Толтойду Чабар күнүм бар бекен?!».

Деп, ошентип Айчүрөк

Акмалап жүрдү асмандан, Барган сайын суктанды Төрөсүн көрүп шашкандан.

* * *

Алманбеттин Күлчоро

Жоого кирсе – миң чоро,

Жекендүү көлдүн оюнда,

Семетейге жакындап, Кирип келген кезинде, Семетей туруп кеп айтат:

  • Күйдүргү чунак,– деп айтат,–Бул жерге кербен жетиптир, Түн катып өтүп кетиптир. Түн катып өткөн кербендер Түштүк жерге жетиптир. Буласы жатат бурулуп, Эчен түркүн кубулуп.

Далай мүлкү калган го, Шашкандардан куюлуп. Атындан түшүп ала көр, Ак куржунга сала көр!

Күлчоро анда кеп айтат,

  • Ой, абаке,– деп айтат,–

Талаада жаткан буланы Уялбай кантип алайын, Жоктон тапкан эмедей,

Куржунга кантип салайын?!

Керек болсо ак була,

Анжыянга барайын,

Алтымыштай жорго алып,

Ак була сатып алайын! –

Деген кезде эр Семең,

Сөзгө элпек эр немең,

«Эмесе чунак мейлиң» деп,

Акшумкарды алды, дейт, Томогосун шыпырып, Таманга кагып калды, дейт.

Түрөгөй өрдөк, бала каз,

Туура салып илдирип,

Канжыгасын кан кылып,

Каз, өрдөккө билдирип,

Кара-Суунун көлчүктөн

Туура кечип өтөрдө,

Агын суудан шаркылдап,

Алтын балык жалтылдап,

Аярдыгын билгизип,

Аябай ичти күйгүзүп,

Ыргып түшүп шартылдап,

Ылайга жукпай жаркылдап,

Суудан чыгып жылтылдап,

Сууга кирип кылкылдап,

Ойноп жаткан балыкка Семетейдин жүрөгү Туйлап кетти зырпылдап.

– Күйдүргү Күлүс, карачы,

Күмүштөй болгон балыкты Угуп-көргөн эмесмин, Балыктан мындай жарыкты.

«Алтын» десем, күмүштөй,

Кабыгы аппак күрүчтөй,

«Күмүш» десем алтындай,

Көрүнөт көзгө жаркылдай, Ушуну кармап алалык,

Кайнарга кайтып баралык, Атамдан калган көлчүккө Ак балыкты салалык!

Тамаша кылып жүрөлүк,

Таң каларлык түбөлүк! –

Деп, ошентип, Семетей

Буурулдун башын бурду эми, Буйрук кылып турду эми.

Бала жолборс Күлчоро,

Жоого чыкса миң чоро,

– Абаке, балык кайда? – деп,–

Алсак балык,– пайда деп,

Көрбөгөнсүп жалтактап,

Кара сууну баткактап,

Аябай сөөгүн кыйратып,

Айчүрөктү ыйлатып,

«Көрбөй калды көзүм – дейт,– Чындап аба, уялып, Чыга жазды эсим» дейт.

«Билбедим» деп чамасын, Күлүмсүрөп Күлчоро Жайкап койду абасын.

«Болуптур эми, чунак» деп,

Асманга шилтеп шумкарын,

Атырылтып тулпарын,

Кербездигин билдирип,

Кечке өрдөк илдирип,

Тамашага батканда,

Талыкшып кайра тартканда,

Кечки салкын бешимде,

Кете турган кезинде,

Балырлуу көлдүн оюнда,

Баатырдын жүргөн жолунда, Удургуп агып суу турат, Кукулдап аппак куу турат.

Муну көрүп Семетей,

Бура тартып тулпарын,

Күлчорону жумшады, «Агыткын!» деп шумкарды.

Күлчоро анда кеп айтат, Күйдүргү сөздү эми айтат: – Айланайын абаке!

Канаты менен жер сабайт,

Карып калган куу белем, Далай жашка жабыркап,

Барып калган куу белем.

Куйругу менен кум сабайт, Уя басып уча албайт, Туруп калган куу белем.

Алдырып койсок шумкарга,

Жетим калар балдары,

Жетимдикти көрдүк го, Жаман экен салмагы! Салбаймын, аба, шумкарды, Зая болор жандары!

Убалы бизди уктатпас, Энесиз калса балдары!

Куу да куштун асылы, Тукумун үзүп койбойлу! Асылга асыл катылса, Башыңа кесир болбойлу? Убалына калбайлы,

Акшумкарды салбайлы!. –

Семетей анда кеп айтат, Ачуусу келип бек айтат: – Күлүмсүрөп сүйлөгөн, Күйдүргү чунак, оңбойсуң! Карып калган бул ак куу Кудайыңдын кутубу?

Кайдан тийсин кесири!

Оң кылган ишиң ушубу? –

Деп, ошентип Семетей

Сары жибек узун боо,

Үзүп алды колунан,

Кесепеттүү куу туяк,

«Келер – деп,– ишим оңунан», Кууга салып шумкарын, Карап калды соңунан. Жанындагы Күлчоро,

Телкүрөңгө камчы уруп,

Оңдоп-солдоп каршы уруп,

Акшумкарга жеткенче Кууну Кудай уруптур, Тамандап өөдө туруптур.

Чагарактуу алтын боо,

Жыя кармап алыптыр,

Чыркыратып шумкарды

Бооруна басып алыптыр.

Эргий-эргий чалкактап,

Ак канаты калкактап, Көтөрүлүп алыптыр, Асмандап жолго салыптыр…

Күндү жайлап туңдуруп,

Борошо жамгыр урдуруп,

Бөксөгө мөндүр жаадырып,

Жакага жамгыр куйдуруп,

Борошо жамгыр, муздуу кар,

Боройлотуп урдуруп,

Айлананын баарысын Куюн, шамал алды, дейт.

«Акылы болсо билди,– деп,– Акшумкар колго тийди!» деп,

Ак канатын сабалап,

Ак туман менен аралап,

Куюн, шамал, эпкиндей,

Телкүрөңгө жеткирбей,

Караса көзгө илинбей,

Кай кеткени билинбей,

Дареги чыкпай жок болду,

Дал болуп чоро токтолду,

Күйбөгөн жери күл болуп, Түтүнү жок чок болду.

АКШУМКАРДЫН ДАЙЫНЫ

Бечара Күлчоронун

Көңүлү санга бөлүнүп,

Көзүнөн жашы төгүлүп,

«Эмне болуп кетти,– деп,–

Шер абамдын колунан

Эми ажалым жетти» деп, Семетейге кеп айтты: – Айланайын абаке,

Адам көргүс иш болду, Аккуу болуп көрүнгөн, Алда кандай күч болду!

Желип жүргөн желденби? Билбей калдым, абаке, Эмне болуп кеткенин. Ат аябай чапсам да

Аппак кууга алдырып, Кайда учуп кеткенин!

– Күйдүргү чунак Күлчоро,

Ак була көрдүм, албадың,

Балыкты көрдүм, баспадың

«Аккууга кушуң салба» деп, Шектүү сөздөн баштадың! Акшумкар колдон кеткени – Ажалыңдын жеткени!

Эртең менен жеңеңдин Башкача болгон кылыгы. Айланайын Күлчором, Ал катындын чырыбы?!

Айтпай койсо себебин,

Чачын кыркып кескин де, Шаатемирдин колуна

Эртеңден калбай кетсин де!

Эки чоро жарышып,

Үзөңгүсү кагышып,

Чачыкейге барышып, Күрүлдөдү Күлчоро:

– Ак була болсо алба,– деп,– Аккууга кушуң салба,– деп,–

Ак балыкка кызыгып,

Азапка анык калба»,– деп,

Аныктап мага тапшырдың! Ак кууга кушум салганда Акшумкарды алдырдым.

Кадырманым, жеңеке, Аябагын чыныңды, Айтып бергин сырыңды!

Ак була болуп жаткан ким? Алтын балык болгонсуп, Аярдыкты каткан ким? Суу үстүндө койкоюп, Аккуу болуп калган ким? Акшумкарды көтөрүп,

Асманга алып качкан ким?

Айткын азыр жашырбай:

Азапка бизди ким салды?

Акшумкарды ким алды? –

Дегенде Күлүс ээлигип, Ачуусу келди Чачыкей Айткан сөзгө теригип:

– Бул кебиңди ит уксун! Ит укпаса ким уксун?

Үйдө олтурган катындын Ашы менен иши бар, Кушу менен неси бар?

Төрөмдүн айтар кеби жок. «Кушумду катын тапсын» деп, Тапшыра турган жөнү жок. Талаада жүргөн сен болсоң,

Үйдөгү катын мен болсом, «Шумкарды тапкын» дегениң – Догурунуп келгениң!

Балыкты качан мен айттым?

Баарысын жалган сен айттың! Ак кууну качан мен айттым?

Аны да жалган сен айттың!.. –

Долу катын Чачыкей

Кайта басты бурулуп, Жинди болгон эмедей, Өзүнөн өзү жулунуп.

Жолборс мүнөз Күлчоро – Күйбөгөн жери күл болуп,

Көңүлү кара түн болуп,

Толгомолуу чоң камчы

Толгой кармап алды эми, Кайта баскан катынды Капталга басып калды эми. Кырмызы кызыл көйнөгү Кыр-кырынан бөлүндү.

Менменсинген сулуунун Кылгырып жашы төгүлдү.

Ылаачындай Күлчоро

Ыргып түшүп атынан, Колуна буруп имерди:

– Кыянат кылган карабет,

Чачыңды кыркып албасам,

Жайдак атка мингизип,

Жалпы журтка билгизип,

Кементайды кийгизип, Шаатемирдин колуна Бүгүндөн калбай салбасам!

Уяты жок тилиңди

Азыр кесип албасам – Күлчоро болбой өлөйүн, Туулбай туна чөгөйүн! – Деп кыйкырды Күлчоро.

Аргасыз айтты Чачыкей Айчүрөктүн баянын:

Оогандан учуп Айчүрөк

Баталашкан күйөөсүн

Таласка издеп келгенин,

Жоголуп кеткен шумкарды Акун кандын долусу – Алып учуп кеткенин.

Укканда муну Күлчоро

Чачыкейге жагынып

«Кечиргин» деп жалынып, Семетейге жөнөдү:

– Төрөм, сага сүйүнчү, Душманга болсун күйүнчү! Шумкарды алган аппак куу Акун кандын кызы экен. Ургаачынын узу экен. Атакең менен Акункан Кудалашкан дос экен. Муну билбей, абаке, Кайнатаңа барбапсың. Калыңын берип Чүрөктү Аялдыкка албапсың.

Чынгожо менен эр Толтой

Ооганды курчап алыптыр,

«Кызыңды бер мага» деп

Акунга бүлүк салыптыр. –

Мындай сөздү Семетей

Биринчи угуп таң калды Күнөөсү бар немедей Өзүнөн өзү арданды. Чоролорун чакырып Ооганды көздөй аттанды.

Желбирек кызыл туу менен,

Айгайлаган дуу менен,

Бөкөйдүн бөксө жол менен,

Айбаттанган кол менен,

Ооганга жакын барганда, Үргөнчтүн чоң суусуна

Үч чакырым калганда

Манастын уулу Семетей Чоролорун токтотту: – Алты күнү бул жерге Ат өргүтүп алалы!

Чарчаган бойду сергитип, Акун кандын шаарына Андан кийин баралы!

Жолукса Толтой, Чынкожо,

Аянбай найза салалы! –

Деп, ошентип, Семетей

Төбөсү бийик чоң чатыр

Танаптарын тарттырды,

Жез бурама казыкты

Жерге мыктап кактырды,

КҮЛЧОРОНУН ЧАЛГЫНЫ

 

Төрөнүн уулу Семетей

Кылычын кыя байланып,

Кырга басып айланып,

Чарк айлана караса,

Үргөнчтү туман чалыптыр, Тунарыктап калыптыр. Андан бери караса,

Аккан суунун боюнда,

Ак-Кыянын оюнда, Кырка түтүн бөлүнөт, Кызыл чатыр көрүнөт.

Кызыл тердик, көрпөчө,

Кыздын аты өңдөнөт,

  • Айланайын Канчоро,

Чалгынга өзүң барып кел,

Душманбы же башкабы,

Байкатпай кабар алып кел! –

Семетей минтип калганда, Болбоюн деп арманда, Канчоросу кеп айтты:

  • Кайкалаган жоо болсо,

Качырып кирсем, миңдеймин, Катын-кызга туш келсем, Кантеримди билбеймин. Кыйытып айтар кебим жок, Кыз-келинге эбим жок!

Тил алсаң, аба, барбайын. Кыз-келиндер жолукса, Уят болуп калбайын?! Күйдүргү Күлүс шок эле, Сөзүндө сөлтүк жок эле. Чукугандай сөз тапкан, Чуулдап учкан ок эле.

Эрдиги менен элдиги Бирдей келген эме эле. Бул жагынан Канчоро Күлүскө качан тең эле?! Тили чечен, өзү шок, Тирүүдөн мындай эме жок!. – Андай болсо, Күлчоро,

Чалгының чыксын оңунан! – Деп ошентип Семетей

Чорону салды жолуна.

ҮРГӨНЧ ДАРЫßДАН ӨТҮҮ

 

Алдында Буурул койкоюп,

Көкжеке бутта чойкоюп,

Асаба колдо калкылдап,

Бозкисе жанда шаркылдап,

Атагы чыккан Аккелте

Ай далыда жаркылдап,

Кылычы кында кыңгырап,

Үстү-башын карасаң,

Ай тийгендей жаркылдап,

Алыстан көргөн адамзат

Айбатынан калтылдап,

Күрпөлдөгөн Үргөнчкө Алманбет уулу Күлчоро Кирип келди шартылдап.

Маңдай жагын караса, Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Чүрөк уз. Теректин башын бурушуп, Аркы-терки турушуп.

Селкинчегин тебишип,

Акийнегин айтышып,

Бирин-бири жеңишип,

Чорону көрүп карашып,

«Кимиси» деп талашып,

«Суудан кантип өтөт,– деп,

Бизге кантип жетет,– деп,

Кече калса, бул чунак

Агынды болуп кетет» деп,

Акундун кызы Айчүрөк

Кошо басып Калыйман, Кол артканы Бурулкан,

Жандай баскан Тынымкан,

Жароокөрсүп сөз айткан Жарашыктуу Калыйман, Жаш балага таң калып, Карап калды жарданып. Үргөнч деген суу экен, Үстү көбүк буу экен, Уккан жанга чуу экен.

Болжолу жок чоң Үргөнч Бопбоз болуп алыптыр, Болбой кирип калыптыр. Кыпкызыл болуп алыптыр, Кыйын кирип калыптыр. Киргенинде карал жок, Алакандай арал жок.

Таш агызып күркүрөп,

Чоң суунун жайын көргөндө, Чоронун бою дүркүрөп.

Ак чалма болуп ылайлап,

Жаткан экен чоң Үргөнч,

Жанына келген пендеси

Жакасын кармап «Кудайлап»

Төө өркөчтөп көрүнүп,

Жайнай түшүп төгүлүп,

Жекендин башы желпилдеп,

Камыштын башы калкылдап,

Талдын баары жайпалып,

Теректин баары теңселип, Үстү көбүк кир болуп.

Теңизден канча чоң агып,

Тегирмендей кара таш

Тегеренип калдырттап,

Үстүндөгү көбүгү

От жаккандай жалбырттап, Жаткан экен чоң Үргөнч Өзүнөн өзү сүйлөнүп.

Карагай, кайың короюп,

Толкундан чыгып балыгы,

Өлүп жатат тороюп,

Ар кайсы жерде булактап, Сайда жатат сороюп.

Жарылып тийген жерине

Жар туруштук бере албай,

Бурулуп тийген жерине,

Муз туруштук бере албай,

Чыбырын түлкү жойлобой,

Толкундап чыккан көбүгү

Чылбыр салса бойлобой,

Алыстан келген жолоочу

Кечемин деп ойлобой,

Ысык-Көлдөй көлкүлдөйт Берки четин карасаң, Баш айлантып мелтилдейт.

Теңирсиген чоң Үргөнч

Теңиздей болуп ташыптыр, Тал башынан ашыптыр. Муну көргөн адамзат

Буусуна жакын келгисиз,

Толгонуп тийген жерине

Тоо туруштук бергисиз,

Кечмек түгүл бул суунун Тозуна жакын келгисиз.

Муну көрүп Күлчоро,

Акылы кетти алдырап, Айланчыктап бул сууга Карап туруп жалдырап.

«Абакемдин жанынан Канчородон кырдуусуп, Мында келдим тыңдуусуп.

Ушул суудан кечпесем, Карап турган кыздарга Уялбай кантип беттешем. Суудан коркуп кечпесем,

Кабарын алып кетпесем,

Күлчоро болбой өлөйүн,

Туулбай туна чөгөйүн!» – Деп, ошентип куу чунак

Кыдырып кечүү карабай,

Кызды көргөн түгөнгүр

Кылча жанын аябай

Жардын башын уратып, Сууга кирди чуратып.

Таш ургандай чулп этип,

Чөгүп кеткен эмедей,

Суунун үстү шырп этип,

Карап турган кыздардын

Жүрөктөрү зырп этип,

Кирген жерде жоголуп,

Сүрлүгө түшүп оңолуп,

Анда-санда Буурулдун

Кулагы чыгат кылт этип, Анда-санда чоронун Төбөсү чыгат жылт этип. Ак болотун дат алып,

Адис болгон Тайбуурул

Агынын көздөй маталып, Суу үстүндө ыргыштап, Кайып беле Тайбуурул? Суу түбүндө чөкпөгөн Кайык беле Тайбуурул? Туура сүзүп ыргыган Балык беле Тайбуурул!

Суунун бети былк этип,

Теңирсиген дайрадан

Ыргып чыкты кылт этип, Болот така, күмүш мык Төрт туякта жылт этип… Накта жолборс Күлчоро

Маңкаң-маңкаң бастырып,

Жолдун четин каздырып,

Жолум үйдөй көбүктү

Жол четине чачтырып,

Кароолчу койгон Кара кыз, Сакчы койгон Сары кыз,– Экөөнү бирдей шаштырып,

Шыңкылдашкан кыздардын

Алдынан чыкты Айчүрөк

Шыбырларын бастырып,

Жакын кирип келгенде, Кара жерге кар жааса, Карды көр да этин көр. Кар үстүнө кан тамса Канды көр да бетин көр.

Калемдей кара кашы бар,

Кундуздай сулуу чачы бар,

Берметтей аппак тиши бар, Журттан башка иши бар.

Маңдайы жарык бото көз,

Моймолжуган ширин сөз,

Күмүш үндүү, колоң чач,

Кош каркыра, керме каш,

Акак тиштүү, ай нурдуу, Алма моюн, түймө баш,

Ак кочкордой даңкайып,

Ак маралдай шаңкайып,

Акча бети жарк этип,

Алтындан кылган чоң сөйкө

Акыректе шарк этип,

Жылаажындуу дабышы

Жез комуздай шаңк этип, Сурап калды Айчүрөк:

  • Кайдан келген баласың? Кайсы жакка барасың? Көзү кара кочкордой Токчоңдогон сен кимсиң? Эркек кара каргадай

Чокчоңдогон сен кимсиң? –

Анда Чоро кеп айтат,

Кеп айтканда деп айтат;

  • Ким экениң билбеймин, Айчүрөк дебей ким деймин?

Менин жайым сурасаң,

Качырганым Акшумкар Чүрөк сенден көрөмүн!

Артыңан, жеңе жөнөдүм.

Коркутпа, жеңе, чорону,

Сенден корккон оңобу?! – Анда Айчүрөк кеп айтты,

Кер какшыктап бек айтты: – Кандай курган баласың!

«Шумкар» деген эмине,

Таанышпай жатып, «жеңе» деп, Шоктоносуң тим эле! Баатырсынган түгөнгүр, Сенин өзүң ким эле?!

– Жерибиз Кең-Кол, кең Талас,

Атабыз артык шер Манас,

Калкыбыз атпай көп кыргыз,

Кыргыз, кыпчак аралаш, Ногой деген уруктан Жайдары тууган эр Манас.

Эр Манастын баласы,

Жетим калып жетилген,

Ак болоттой кетилген, Семетейдин иниси – Иниси эмей кимиси?!

Атамдын аты – Алманбет. Азиз кандын баласы.

Айтып турган сөзүмдөн Калдыбы, жеңе, чаласы?! Сени «жеңе» дегендин Кайсы жерде талашы?

Акшумкардын артынан,

Айчүрөк жеңе дартыңан,

Он төрт күлүк айдатып,

Жоо жарагын шайлатып,

Арчатору бууданга

Аяктай кебез байлатып,

«Бүгүндөн калбай барам,– деп,

Айчүрөк сени алам!» – деп,

Душманга салып күйүнчү,

Антташканың Семетей,

Келип калды. Сүйүнчү! – Деп, бүтүрдү Күлчоро.

 

Белесте калган Семетей

Дүрбүнү кармап имерип,

Күлүстү көздөй жиберип,

Айчүрөктү көргөндө

Токтоно албай, түгөнгүр,

Чилдедеги буурадай,

Тура калды чиренип,

«Канчоролоп» чакырды, «Ат току!» деп бакырды:

– Акжолтой тууган Күлчоро

Чүрөктү таап алганбы,

Жеңеси менен биригип,

Абасын күтүп калганбы? –

Деп, ошентип, Семетей

Тоодой болуп көрүнүп,

Кызды көргөн түгөнгүр,

Кыялына чөмүлүп,

Даңканын көккө бургутуп, Актелкини чулгутуп,

Жинденип жаткан дайрага Кирип келди зыргытып. Жардын башын уратып, Сууга кирди чуратып. Кирген жерден чоң дайра Алып кетти сулатып.

Кан Манастын арбагы Колтугунан алды окшойт. Кырк чоронун арбагы

Сууну бөгөй салды окшойт…

Карап турган кыз-келин Айчүрөктөн кеп сурайт: – Семетей деген ушубу? Алып келген Ак шумкар Бул кишинин кушубу?

Чыныгы жездем эр экен! Чарк айланып ааламды Издегениң эп экен!…

Семетейди көрүшүп,

«Айылыбыз бирге консо,– деп,

Манастын уулу Семетей

Алган жарым болсо,– деп,

Азгана ойноп-күлсөк,– деп,

Моюндашып жүрсөк,– деп,

Моокум басып күлсөк,– деп,

Таң атканча жүрсөк,–деп,

Тамашалап күлсөк» деп,

Кыздардын баары мелтиреп,

Үргөнчтүн жээгинде

Карап турган кезинде

Манастын уулу Семетей Суудан чыкты жарк этип,

Ителги куштай барп этип.

Күлчоро чыкты алдынан:

  • Айланайын, абаке!

Издегениң мынаке! Шумкарды таптым, салып кет, Жеңемди таптым, алып кет! Же болбосо Чүрөктүн Мойнуна күнөө салып кет!… Семетей анда мындай дейт:

  • Жыргап жаткан жеримден,

Жылас Чүрөк, козгойсуң,

Козгогонго жараша,

Кол куушуруп тоспойсуң!.. – Мындай сөздү укканда

Айчүрөк айтты буркандап:

  • Жолоочу киши жол менен,

Чоочун киши сый менен,

Кол куушуруп тоскондой,

Алдыман чыккан каным жок, Доомат кылып сүйлөгөн, Ким болосуң дайның жок! Чынкожо аттуу жээним бар, Толтой аттуу эрим бар.

Жолоочуну тоскондой,

Кандай менин эбим бар!  –

Укканда муну Семетей

Ачуусу келди арбайып, Алдыңкы ээрди калбайып: – Акундун кызы Айчүрөк, Акшумкар берчи, кетемин!

Арка кылып таянган

Эриң келсин урушка,

Көрүшөлү бул жерден,

Шериң келсин урушка!»

Анда Айчүрөк кеп айтты, Ызаланып бек айтты: – Кан Манас менен атамдын Кудалашкан анты бар.

Семетей, муну билбедиң,

Атаңдын антын урматтап Колуктуңа келбедиң.

Бул жерде күнөө сенденби?

Арбакты аттап өтө албай, «Семетей качан келет» деп, Карганча күткөн менденби?!

Эркек болуп, эр болуп,

Сен келбедиң мени издеп, Чынгожо курчап келгенде Кыдырып учтум сени издеп.

Шумкарыңды ала бер,

Таласыңа бара бер!  – Калыйман анда кеп айтат: – Ой, жездеке! – деп айтат,– Ачуунду мага бериңиз, Ак чатырга кириңиз!

Бизден кеткен иш болсо,

Күнөөнү, жезде, кечиңиз!. –

Деп, ошентип, кашкайып,

Күзгүдөй бети тастайып,

Жездесин үйгө киргизди,

Эптүүлүгүн билгизди,

– Кечиргин, Чүрөк, сөзүмдү, Жок издеп жүрүп таптым го, Колуктум сенин өзүңдү!

Акыры менден алдың го

Качандан берки өчүңдү!..–

Деп Семетей калганда,

Күйөө балаң келди деп

Акунга кабар барганда,

Күтүп жүргөн атасы Көзүнөн жашын агызды, Сакалдан ылдый тамызды: – Жолуңду Кудай жолдосун, Жолборс атаң колдосун!

Кол салган душман оңбосун!

Батасын алып Акундун,

Кайнатанын алдында

Ийилип күйөө турганда,

Чуркураган чуу чыкты,

Айгайлап аскер бакырып «Толтой!» деп ураан чакырып. Басылбай мылтык тарсылдайт, Добулдун үнү карсылдайт. Асмандан учкан жылдыздай, Ок асманда жаркылдайт.

Шыгайдын уулу Чынкожо

«Манастын уулу кайда? – деп,

Баатырсынган канкордун

Башын чагып, жайла!» – деп, Кылычын алып колуна, Чыгып калды Чынкожо Кан төгүшөөр жолуна.

Жедигер, нойгут кылкылдап,

Толуп келген кезинде,

Качырып кирди эр Семең,

Карсылдатып атышып,

Кызыл канга батышып,

Далай адам окко учуп,

Учу болот сырнайза,

Как жүрөккө малышып,

Кайра тартып алышып,

Чалкасынан салышып,

Кылыч менен чабышып,

Кызыл канды агызып,

Чочмор менен чабышып,

Чокудан канды агызып,

Орто жерин эр Семең,

Оюп кетип баратат, Эки четин чоролор Жоюп кетип баратат.

Токтобостон үч күнү

Карсылдашып согушуп, Далай адам найза жеп, Турбай жатат солушуп.

Айрылбаган баш калбай,

Алжайбаган каш калбай,

Ажалы жетип жан калбай

Биринен-бири жазганбай, Кыйла өнөр көрсөттү, Кылышпаган маш калбай. Чалкасынан дардайып, Сулап жаткан андан көп. Жер кучактап тура албай, Кулап жаткан андан көп. Элден качып элирип,

Эси чыккан мындан көп.

Шыгайдын уулу Чынкожо

Карат менен закымдап, «Семетейди со¸м» деп, Жетип келди жакындап.

Камынып жаткан Күлчоро

Көп-көк темир кийинип,

Чынкожо менен Каратты

Кар жиликтин түбү деп,

Өлчөлүү жердин тушу деп,

Өлөр жери ушу деп, Кароолуна кабылтып, Машааны басып таштады. Жедигер, нойгут жатпаган Талаада жер калбады.

Семетей чындап киргенде,

Чоролор жоону сүргөндө,

Жедигердин Толтою

Сурко¸нго камчы уруп,

Чаңына чаңы кошулуп, Талаага качты закымдап, Семетей барды жакындап.

Как жүрөктүн тушу деп,

Өлөр жериң ушу деп,

Эр Семетей бек сайды,

Жедигердин эр Толтой

Сурко¸ндон кулады,

Жели чыккан чаначтай, Үнгө келбей сулады.

Ошол кезде чоролор

Экөө бирдей жарышып,

Үзөңгүсүн кагышып,

Ар кимиси өзүнө

Ылайыктап табышып, Күлчоро мурда кеп айтат, «Меники соогат!» деп айтат.

Канчоро дагы кеп айтат,

«Мен алам атты!» деп айтат, Эр Семетей биле албай,

Бирине сүйүп бере албай, Эки чоро эреңдин Бирин жакын көрө албай:

– Айланайын чоролор,

Калыстыктан качпайын, Сурко¸ндун чылбырын Ортоңорго таштайын.

Мурун сермеп озунуп,

Кол жеткениң алгыла! –

Деп, ошентип Семетей

Ыргытып калыс чылбырды, Талашканын тындырды. Ылаачындай Күлчоро Озунуп илип алды, дейт.

«Абам атты берди» деп, Кубангандан Күлчоро Айкырыкты салды дейт. Кара мүртөс Канчоро Кусамат сөздү салды, дейт:

– Улуу болсом, мен болсом,

Сайсам жоого, тең болсом, Өлгөнүм жакшы бул көрө, Өз олжомдон кем болсом.

Анткорсунган абакем

Сурко¸ндун чылбырын Күлчоронун жолуна

Ийе таштап салды го!,–

Деп, ошентип Канчоро Капаланып, кагынып Кекенип калды таарынып. Оогандын каны Акункан Күйөөгө кызын узатты. Чүрөгүн алып Семетей

Таласты көздөй жол тартты.

СЕМЕТЕЙДИН КОҢУРБАЙГА КАРШЫ АТТАНГАНЫ

Кең-Колдо бейкут жатканда,

Көп кызыкка батканда,

Келберсиген эр Семең,

Айтканын эки кылбаган,

Ойлонсо тынчып турбаган, Түндө жатып түш көрдү, Бир көргөнүн үч көрдү:

Жер астында тумчуккан

Манас көзгө көрүндү, Айсарала ат минген, Алманбет көзгө көрүндү. Калың жоо менен кармашкан Чубак көзгө көрүндү.

Чырм этип уйку албаган, Беттешкенин арбаган Сыргак көзгө көрүндү.

Кийген кийим ак жибек, Айры сакал Санжыбек, Ал да көзгө көрүндү.

Алтын наалы өкчөсү,

Айдаркандын Көкчөсү,

Калың казак абасы,

Кан Манастын бажасы,

Ал да көзгө көрүндү,

Эки Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган Кара жаак эр Үрбү, Ал да көзгө көрүндү.

Эрендерче салышкан,

Ээн талаада калышкан,

Эрмек кылып чокушкан,

Ала карга, сагызган, Чолпондой болгон чоролор

Баш көтөрөр алы жок,

Байлашарга жаны жок, Баары көзгө көрүндү.

Ойгонгондо Семеңдин Көзүнүн жашы төгүлдү. Ошондо Семең кеп айтат Өзүнө өзү бек айтат: – Атайын салып эсиме, Арбактар эми көрүндү. Арсыз адам болгунча, Көрсөм боло өлүмдү. Эрлерди кырган Коңурдан Алсам боло кегимди. Асыл Бакай абама Айтсам боло кебимди.

Алышкан жоону талкалап,

Актасам боло тегимди!. –

Ал аңгыча кан Бакай

Ылдам минип бастырып,

Өзү келди шаштырып,

«Ой, аба! – дейт Семетей,– Сулайман сурак кылбаган,

Искендер изин салбаган, Манастан башка барбаган, Бээжиндин бетин ачсам, дейм.

Кара кытай төрөсү Коңурбайдан Манастын Кунун алып кайтсам, дейм. Кармашарым кан Коңур Даярданып жатат, дейт.

Алдын алып көрсөм, дейм,

Элдин канын чачтырбай,

Жердин бетин бастырбай,

Алышып жүрүп өлсөм, дейм,

Камынып жаткан Коңурдун

Алдын ала барсам, дейм, Үйүмдөн күтпөй Коңурду Үстүнө барып калсам, дейм. Мынабу турган кош чоро Кылоосу түшүп бүтө элек, Эрдигин сынап көрсөм дейм. Кыйындардын куну үчүн

Көрбөгөндү көрсөм дейм.

Элдин кегин куубасам,

Кыбырап жүрбөй өлсөм  бейм?»

Ак сакалын жайкалтып, Асылдыгын байкалтып, Анда Бакай кеп айтат:

– Э, кулунум Семетей,

Кекене кирсең, жол да көп,

Олжолоп алсаң, пул да көп, Кырылышып өч алсак, Кылымга татыр күн да көп. Казылуу жаткан ор да көп,

Кармаш кылар кол да көп, Кулунум, көкжал Семетей, Айта берсем дат да көп.

Аңдышып жүргөн жат да көп.

Ойлонуп көр, кулунум, Бээжиндеги Коңурбай Ойлобой кирер жоо эмес. Касиеттүү чоң Бээжин Кармашпай өтөр тоо эмес. Карыганча мен Бакай

Далай укмуш көргөмүн, Кытай өңдүү кыйынды Кылымдан такыр көрбөдүм. Кумурскадай сан жеткис Кубаты көп эл ошол. Каарына алганда Каптап кетер сел ошол. Берекелүү чоң Бээжин

Нур төгүлгөн жер ошол.

Кар жатпаган кара тоо Чай алуучу кен ошол. Беттегенден кайтпаган, Бели бекем эл, ошол. Өз билгенинн бербеген Өжөрлөнгөн эл ошол.

Анда Семең кеп айтат:

– Ойлонгондон кайтпаймын… Ажалым жетсе, өлөмүн,

Башкача сөз айтпаймын! Алтын жан эсен бар болсо, Коңурдан олжо бөлөмүн! Каптаган селдей кол болсо, Кармашып канын төгөмүн!

Эки чором соо болсо,

Тынчытпаган Коңурдун

Тынчын алып көрөмүн!.. –

Деп, ошентип калганда,

Капаланды кан Бакай Кандай кеп айтпагын Кайра тартпас болчудай. Семетейдин мүнөзү Эр Манастын так өзү.

Ойлогон оюн аткарган. Алдынан чыкса топ душман Өлсө да кайра тартпаган. Аргасыздан кан Бакай Даярдыкка киришти…

Үйдө жатса күйүнгөн,

Тышка чыкса сүйүнгөн

Канчоро менен Күлчоро Мурутунан күлүштү.

Темир кийип жаркылдап,

Жоо жарагы шаркылдап,

Ак чатырды бүктөшүп,

Ак борчукка жүктөшүп,

Ок-дарыны мол алып, Сарамжалын бүтөшүп,

Түпөктүү кызыл туу менен,

Кербендей ызы-чуу менен,

Бакай каны башында,

Эки чоро кашында

Казатка чыкты Семетей

Жыйырма беш жашында. Айчүрөктүн кеби бар,

Арманын айтар эби бар,

Адамдан башка дабышы Кай жериңде кеми бар. Таңгы булбул үндөнүп,

Олоңдой болгон кара чач

Агарбас болуп өңдөнүп,

Акырын басып шоодурап,

Эки көзү жоодурап,

Таманы жерге тапылдап,

Көмөкөйү какылдап,

Чоюла басып шаркылдап,

Чолпондой көзү жалтылдап,

Ак тамагы балкылдап,

Айдай бети жаркылдап,

Аяктай алтын сөйкөсү

Акыректе шаркылдап,

Олоңуна оролуп,

Периштедей жылмайып, Семетейдин алдына Басып калды муңайып:

– Айланайын хан төрөм, Быйыл барба казатка, Башыңды салба азапка!

Түндө жаман түш көрдүм,

Дегеле шумдук иш көрдүм,

Канжыгадан баш көрдүм, Кан сыяктуу жаш көрдүм, Кол көөкөрдөн аш көрдүм.

Сары өзөн ылдый сел жүрдү, Аягы өйдө өрт күйдү,

Ак жалбырак чалдыкты,

Сен жортуулдан кайтканда,

Эр чырагы эки көз

Жумулуңку көрүндү,

Темир кийген тулку бой Солдоюңку көрүндү. Эр чалгыны эки кол Шалдайыңкы көрүндү.

Алчыланган Тайбуурул

Жетеленип калыптыр,

Үстүндөгү Аколпок

Бөктөрүлүп калыптыр, Алтын кулак Аккелте Өңөрүлүп калыптыр.

Ала тоонун жорусу,

Айланып көктөн көрүндү Айланайын жан төрөм, Бул түшүмдү жоручу!.

Кара мүртөз Семеңдин

Кабагы карыш салынды,

Ак жолборстой чамынды:

– Сары өзөн ылдый сел жүрсө,

Аягы өйдө өрт күйсө,

Ак жалбырак чалдыкса,

Коңурбайдын сан жылкы Айдалып кете турганы. Андай болсо Коңурдун Алдыма кулдук урганы.

Эр чырагы эки көз

Жумулуңку көрүнсө,

Күндүр-түндүр жоо сайып, Уйкум келе турганы.

Темир кийген тулку бой

Солдоюңку көрүнсө,

Аттан түшпөй кармашып, Аягым талый турганы.

Эр чалгыны эки кол

Шалдайыңкы көрүнсө,

Күндөп-түндөп жоо сайып, Колум талый турганы.

Алчыланган Тайбуурул

Коштолгонун сен көрсөң, Коңурбайдын Алгара, Аны мине турганым. Үстүндөгү Аколпок

Бөктөрүлүп көрүнсө,

Коңурбайдын Кылгара, Муну кие турганым.

Алтын кулак Аккелте

Өңөрүлүп көрүнсө, Коңурбайдын очогор, Аны асына турганым.

Асмандан учуп көрүнсө

Ала-Тоонун жорусу,

Менден өлгөн душманга Ак кажырдын конушу. Анын несин айтасың!

Баатырлардын алдынан Түлкү чыкса кылактап, Олжо болот дечү эле.

Баатырлардын алдынан Катын чыкса булактап, Жолто болот дечү эле. Жолума туура турбагын, Жолума кесир кылбагын!

Маңдайы күнгө күйбөгөн,

Акыл менен эсептеп

Адептүү сөздү сүйлөгөн,

Акундун кызы Айчүрөк Эсинен танып ыйлады.

Семетей жолго чыкканда Артынан карап Айчүрөк,

Көзүнүн жашын тыйбады.

СЕМЕТЕЙДИН КАРАГУЛГА АЛДАТКАНЫ

Алгараны жетелеп

Сан жылкымды көрөм деп

Жайытка келди Коңурбай,

Жылкычысы Карагул

Чуркап чыкты алдынан, Атасын көргөн баладай. Түркүн-түркүн сан жылкы Жерди жайпап калыптыр.

Кыл-Эртиштин боюнда

Чыйырчыктай кара ала

Чыпка куйрук сары ала

Макмал жүндүү, капкара,

Башайыдай кара ала,

Ар кайсысы ар башка,

Калдайып жатат сан жылкы, Бир жагында Торкашка…

Муну көрүп кан Коңур,

Жылкычыга кан болгон, Атагы журтка даң болгон, Карагулга кеп айтат:

– Манастын уулу Семетей Кара жерде турганда, Кабыргама ок болду. Качан болсо кун үчүн, Келбей ко¸р эби жок.

Келип калса бул чунак,

Жекелешип чыгууга Менден башка теңи жок. Сактап жүрүп эл-журтун, Коңурбай каның карыды. Желдей учуп дем албай, Алгара да арыды.

Тулпарды жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Сөөгү агарсын Алгара, Көп минилди жаныбар. Көп жылкыга ээрчитпей, Бөтөнчөлөп багыңар. Кыргыз жактан жоо келсе, Тезирээк кабар салыңар?! Кырдаалында Алгара Кебелбей чуркаар чагы бар.

Кунун кууса Семетей,

Коңурбайдын колунан Ага турган каны бар!

Кун куубаса жаманды Баш көтөртпөй басууга Коңурбайдын камы бар!

Ушул сөздү, Карагул,

Унутпаңар баарыңар!.. – Буйругун айтып Коңурбай,

Бууданын таштап кеткенде

Дардаңдаган Карагул

Кош жаздыкты койдуруп,

Тел кулунду сойдуруп,

Колу-бутун чойдуруп,

Дардайып жыргап жатканда,

Эртеңки таң атканда

Кароолдо турган жылкычы Семетейди көрдүм деп, Чуркап келди элеңдеп.

Карагул туруп ордунан Семетейди жолунан, Жүгүнүп тосуп чыгыптыр: – Ишимди Кудай оңдосо, Семетей болуп жүрбөгүн?

Семетей болсоң, арман жок, Аман көрдүм жаныңды,

Издеген жогум табылды.

Атаң Манас барында,

Карагул деген мен элем.

Ошондо кимден кем элем? Манастын көзү өткөндө, Сен Букарга кеткенде.

Көкчөнүн уулу Үмөтөй

Жылкычы кылды өзүмдү,

Тең атаны тең кылбай, Укпады айткан сөзүмдү.

Ошондо келдим Кытайга. Жан соогалап темселеп, Жан багып жүрөм ушунда! Элимдин калдым тышында! – Карагул турду безилдеп:

  • Айланайын Семетей,

Куткарып алар кезиң,– деп,

Жалынып, мойнун кучактап,

Жалооруп ыйлап, бышактап, Семетейдин намысын Козгоп турду Карагул.

Семетей айтты «абам» деп,

«Өзүмө кошуп алам» деп,

  • Алгараны, абаке,

Кармап бергин маган,– деп –

Коңурбай менен кармашып

Атамдын кунун алам, деп,–

Бети жок шүмшүк Карагул

«Алгараны алгын» деп

«Кадимки дулдул тулпар» деп,

Камчы салса баспаган,

Желгенинен жазбаган,

Таш токум болуп арыган,

Өзү кашаң карыган,

Кыйды атанган кара атты Алып келди жетелеп.

Ашкан шүмшүк Карагул

Алгараны камчылап

Заматта качып жөнөдү Коңурбайга кабарлап. Кабарды угуп Коңурбай, Элине замат жар салды:

– Эрлердин кунун кубалап,

Семетей келген турбайбы,

Семетейге алдырсам, Ушул турган Коңурду Кудайым өзү урбайбы! Көпөлөктөй жетимдин Көрүнөйүн көзүнө. Баатырлар, кулак салгыла, Айтып турган өзүмө!

Эрдемсинген жетимди Алдынан тосуп баралык!

Талпактай сабап салалык!

Тайбуурулду баш кылып Буруттардын аттарын Олжо кылып алалык.

Айгайлаган чуу менен.

Айчыктуу кызыл туу менен,

Түпөктүү найза калчылдап, Семетейди тосууга

Жөнөп калды баркылдап.

СЕМЕТЕЙ  ЖАРАЛАНЫП,

АЙЧҮРӨК  ОК  АТТАГАНЫ

 

Кажыбас баатыр Коңурбай

Адырга чыгып караса,

Манастын уулу Семетей Мергенге келген эмедей Отурат оттун жанында. Эки чоро, кан Бакай

Отурат берки жагында, Ит агытып, куш салып Чарчап келип жаткандай.

Семетейди көргөндө,

Арман кылып Коңурбай, Күңгүрөндү өзүнчө:

«Манастан калган жетимди Томуктай бала деп жүрсөм, Тоодой баатыр турбайбы. Токсон миң адам келсе да, Толгоп башын жулбайбы? Атасы Манас баатырдан

Алты эсе мыкты көрүнөт, Айбатынан ажалдын Көлөкөсү көрүнөт. Ушундай баатыр баланы Кудайым мага бербеди. Канча катын алсам да Аталык бакыт келбеди.

Айкөлдөй болгон Семетей

Менин уулум болсочу,

Ак шумкардай айланып Колума бакыт консочу!

Берендерге тең кылып,

Манжуулардын элине

Ушундай туулган баланы Кан көтөрүп алсам, ээ!

Көбүрүп турган чунакка Көңүл айтсам болбойт го!

Көрүнүп койсом көзүнө,

Көз ачканча сомдойт го!»

Деп, ошентип бай Коңур

Ала тоодой жондонуп,

Ач жолборстой комдонуп,

Очогорго от коюп,

Семетейдин төшүнө

«Өлчү жердин тушу,– деп,– Өлгөнүң, балам, ушу» – деп,

Кош дүрмөттү салды эми, Семеңди дал жүрөккө Коңурбай атып калды эми.

Семетейдин көзүнөн,

Көк жалын чыгып төгүлдү, Көшүлүңкү көөдөндөн Кош кабырга сөгүлдү.

Атына минип Күлчоро, Коңурду кууп калыптыр.

Кан жыттанган Коңурбай Алгарасын камчылап Жеткирбес жолго салыптыр.

Айласы кеткен Күлчоро

Бура тартты бургутуп,

Көгаласын чулгутуп

Жетип келсе кайрылып, Жаткан экен Семетей Акыл-эстен айрылып.

Бакай менен Канчоро,

Эч айласын таба албай,

Ок кирген жери чарадай, Көрүнүп турат жүрөгү,

Соолуп жаткан баладай. Анда Бакай кеп айтат:

– Семетейдин жарасы, Өлтүрө койчу жара эмес, Бул жарадан өлгөн жан Манастан туулган бала эмес! Айланайын Күлчоро,

Сен аттангын Таласка,

Айчүрөк келин даанышман Тунук аял деди эле. Эркекке көңүл бурбаган Умайдай аян деди эле. Алып келгин Чүрөктү, Ок аттатып калалык.

Аттаган огу түшпөсө,

Айла кетсе бычактап,

Токтогон огун алалык,– Деп, ошентип бар сөзүн

Күлчорого билгизип,

Шамал менен жарышкан,

Сурко¸нду мингизип,

Алдастап жаткан Семеңди

Чоң чатырга киргизип,

Олуя Бакай олтурду, Аккан канды чорого Картык менен сордурду.

Алманбеттин Күлчоро

Ак булуттун астынан,

Калдайган жердин үстүнөн Үч күн, үч түн жол жүрүп, Жетип келди Таласка.

Жамандыкты сезгенсип

Алдынан чыкты Айчүрөк:

– Кайрат кыл, жеңе, ыйлаба! Ок жаңылды абама!

Очогордун чоң огу,

Абамдан чыкпай токтолду, Канча дарман кылсак да,

Түшүрөр айла жок болду. «Жашынан жолдон азбаган,

Жамандык ишке барбаган,

Өз эринен башкага

Этегин кайрып ачпаган,

Таза ургаачы аттаса,

Ошондо огу түшөт!» дейт, Ок түшкөндө жарасы, «Кадимкидей бүтөт», дейт.

Чородон кабар укканда

Кейип, ыйлап Айчүрөк,

Кара көзгө жаш алып,

Кандай заман болот деп,

Кызыл өңү кумсарып,

«Аркамдан өзүң келгин,– деп

Тилекти Кудай бергин!» деп,

Таң кашкайып атканда,

Тараза жылдыз батканда,

Канатын жайып калкылдап,

Куйругун жайып жаркылдап,

Учуп кетти зыпылдап, Учуп келип Бакайга Айчүрөк окту аттады. Аттаса огу түшпөдү,

Экинчи Чүрөк аттады, Анда да огу түшпөдү.

Канчоро менен Күлчоро

Жазалуу кылып Чүрөктү

«Аттаган огу түшпөйт» деп Салганы турат дүмөктү. Сай сөөгү бүтүн зыркырап, Ыйлады Чүрөк буркурап:

– Айланайын сырттаным,

Издеп келип шумкарың,

Чоң-Үргөнчтүн боюнда,

Төрт-Күлдүн кенен оюнда,

Сени күткөн Чүрөктү

Шашып өпкөн жериң бар, Никеге жетпей мен бейбак Жалыныңа чыдабай,

Эрип кеткен жерим бар.

Кудайым, аны кечиргин!

Мындан башка шегим жок, Шек кылып айтар кебим жок. Жалган жерден шум дүйнө, Жүзүм кара болбойбу! Арам деп ойлоп төрөмдүн Ичине кайгы толбойбу.

Бактысы жок бейбакты

Тирүүлөй кылбай шерменде, Кара жер азыр сорбойбу?! Мындан башка өзүмдө Эч жазыгым жок эле.

Ак этектен түшпөгөн

Арманга бүткөн мына бул

Алда кандай ок эле!!!»

Дагы бир жолу аттайын,

Түшпөй койсо аткан ок,

Асманга кайра сызайын,

Канатымды кайырып

Боюмду жерге таштайын! – Деп, ошентип Айчүрөк

Озондоп ыйлап солкулдап,

«Шерменде болбой өлөм» деп,

Көөдөндүн баары болкулдап,

Семетейдин үстүнөн

Акырын аттап жылжыды,

Аяктай болгон коргошун Эр Семеңдин ичинен Ыргыткан таштай ыргыды!

Кытайдын кырма дарысын,

Кырып алган сарысын,

Ала чуркап Күлчоро,

Кырка коюп баарысын,

Улам-улам дарыны

Семетейге беришип,

Кабырганы коңдуруп,

Кабыландай баатырды

Кадимкидей болтуруп,

Көңүлдөрүн жайлашып,

Текести тепсеп өтүшүп,

Тууган элге жетишип,

Жаратынан айыгып

Семетей келди Таласка.

Кадырлуу Бакай кашында,

Түлөө берди Семетей

Кең Таластын сазында, Каптап келген өлүмдөн Тирүү калды Семетей.

Жыйырма беш жашында.

КО¡УРБАЙДЫН ТАЛАСКА

КОЛ САЛГАНЫ

 

Манжуулардын Коңурбай

Казынасын ачтырып,

Карк алтынын чачтырып, Заңгилерге кеп айтат:

– Баарың уккун,– деп айтат,–

Кайратымдын барында,

Күчүм толук чагымда Эчен жолу талкалап, Буруттарды айдадым. Акырында Манасын Кан жуткузуп жайладым.

Манастын уулу Семетей

Манжуудан чыккан Коңурдун Ким экенин билбеди!

Таанытайын өзүнө,

Көрсөтөйүн көзүнө,

Унутканын буруттун Салайынчы эсине!

Келтирейин бурутту

Чачылып калган кезине! –

Деп, ошентип Коңурбай

Алгараны чулгутуп

Кылкылдаган туу менен,

Кыжылдаган чуу менен,

Найзаларын таянып,

«Калбайбыз» деп аянып,

Көк желектер жалкылдап,

Сел каптаган эмедей,

Жердин бети кылкылдап,

Алда канча дөө менен,

Ат көтөрбөс жөө менен,

Адам билгис шаң менен, Асман жапкан чаң менен

Түндө жүрүп билинбей,

Тынып жатып таң менен, Күн көрүнбөй күүгүмдөп,

Ат көрүнбөй бүлбүлдөп,

Сыйынышып аласка

Жеткенде Коңур Таласка, Буйрук берди баарына:

– Камынтпай басып калгыла! Манастын жалгыз жетимин, Үйүнөн байлап алгыла! Жолуккан кыргыз адамды Жол боюна жаргыла!

Капарсыз жаткан бурутка Талоонду мыктап салгыла! Жаш кыз-келин сулуудан Бештен, ондон алгыла!

Жаккан отун өчүрүп,

Түндүгүн жерге түшүрүп, Сапыргыла бурутту!

Зор айлакер Коңурбай

Жолдун баарын торгоду,

Тышка адам чыгарбай, Ичке адам киргизбей, Курчап алды ордону.

Баатыр Семең башында,

Бала жолборс кашында

Айкырыкты салышты, Айгайлаган манжууга Кыргыздар кирип барышты. Кара кытай калың жоо

«Манастап» ураан чыкканда,

Семеңдин үнүн укканда,

Чаң асманга созулуп,

Туш-туштан колдор кошулуп,

Үйөр жүргөн сел менен,

Үпчүн кийген эр менен

Туу түбүндө турушуп,

Тулпар минип урушуп,

Чочмор менен чабышып,

Чокудан канды агызып,

Айбалта менен салышып,

Сабы колдо калышып,

Кылыч менен чабышып, Чаны колдо калышып,

Жарак колдон кеткенде,

Жакасынан алышып,

Аттан кулап калышып,

Буттан торой чалышып,

Чалкасынан салышып,

Айрылбаган баш калбай,

Алжайбаган каш калбай, Кара кытай, кыргыздар Кырылышты эс албай.

Бир-биринен жазганбай,

Болот найза мылгытып,

Оозунан канын кулгутуп,

Найзага келген адамды

Тебетейдей ыргытып,

Ортосунда баатырлар

Калың жоону дыргытып,

Таластын үстү чаң болуп,

Талаанын баары кан болуп, Кыймылдабай кылтасы Кылыч тийген андан көп. Кый сүбөөдөн жардырып,

Кыңылдаган мындан көп.

Айбалта тийген андан көп, Алсырап жаткан мындан көп. Кан токтобой шаркырап, Кансырап жаткан андан көп.

Топурак учуп, чаң басып,

Тоо көрүнбөйт адамга,

Кимиси душман, кимиси эл, Жоо көрүнбөйт адамга,

Кан кечишкен майданда

Качкан кыргыз жок болду, Кара кытай, манжууга Качангы кеги козголду…

Кабагын салып эр Коңур, Акыркы күчүн жыйнады.

«Бергин, бурут, бергин!» деп,

Элден оолак чет болуп,

Семетейге бет болуп, Өзөккө түшкөн өчтөрү Жетеге жетчү кек болуп.

Жекелеп Коңур чапканда,

Жер силкинген эмедей,

Кезенген үндөр күркүрөп,

Карап турган жандардын

Бүткөн бою дүркүрөп,

Тайбуурул менен Алгара Бир-бирине беттешип, Учуп жүрөт диркиреп. Кайраты жок далайы Качып жүрөт зиркиреп.

Эсепте жок эки дөө

Найза менен сайышат, Найзалары тайышат, Калкандары кагышат.

Айбалта менен чабышат,

Калкандардын бетине Кадимкидей жалындар Тутанып барып калышат. Баатырлардын башынан Буркурап көпкөк буу чыгат. Тулпарлардын этинен Булактап кара суу чыгат.

Семетей менен Коңурбай

Алыша албай бир-бирин,

Кылыч менен салышты, Бир-бирине экөө тең Берер эмес намысты!

Мындан айла таба албай,

Алкалардан алышып,

Аркы-терки барышып,

Кол тийген жерин булкушуп,

Коржоңдошуп жулкушуп,

Үзөңгүсүн тебишип,

Кол кармашып эңишип,

Аттардын бели бүгүлөт,

Карап турган калың журт Жандарынан түңүлөт.

Тайбуурул менен Алгара, Алар да айла издешет,

Тартышып турган учурда Бирин-бири тиштешет. Чунаңдашып кетишет, Бирин-бири тебишет.

Ошол кезде эр Коңур

Асабадай Семеңди Алкымынан алды, дейт, Артка тартып калды, дейт.

Айласы кетип Семетей, Ала салчу немедей, Арткы кашка барды, дейт.

Карап турган көп кыргыз Чыдай албай өкүрүп, Чуркурашып калды, дейт.

«Буруттун күнү бүттү» деп, Карап турган калың жоо Кубанычты салды, дейт.

Мына ошондо Конурбай

Үстүнөн басып Семеңди

Мыкчып-мыкчып алды эле,

Ошол кезде Семетей

Жер көтөргөн эмедей,

Ана-мына дегиче,

Ачып көздү жумганча,

Жаш чыбыктай толгонуп,

Жаш жолборстой жондонуп,

Коңурдун колун имерип,

Колтукка муштап жиберип,

Ачып көздү жумганча,

Бакалоордон алыптыр, Чыкыйга колду салыптыр! Дем ала албай Коңурбай, Оозун ачып калыптыр.

Оозунан каны тамчылап, Алгараны камчылап, Качып жөнөп калыптыр.

Ачынып калган Семетей

Ак жолборс чапкан эмедей, Атырылып кекенип, «Манастап!» ураан салыптыр.

Тоодой болгон Коңурду

Тоо кулаткан эмедей Алгаранын үстүнөн Ажыратып салыптыр.

Башын кесип ыргытып,

Кара канын, жылжытып,

Бура тартты Семетей

Кара  кытай кайгырып, Калчасынан айрылып, Кол куушуруп калды, дейт. Алдуулары кылчайбай, Алыс жолго салды, дейт.

Алакандай аз кыргыз

«Анык жоону жеңдик,– деп,–

Азыр тийди теңдик»,– деп,

Үпчүлөрүн чечишип,

Үч кайтара бекишип,

Олжолорун бөлүшүп,

Ою менен өбүшүп,

Эл эсебин такташып, Эрдиктерин макташып,

Семетейдин кылганын

Ырчылары макташып, Элин эсен сакташып…

Тынчып жатып калды, дейт.

ҮМӨТӨЙДҮН СЕМЕТЕЙГЕ

КОЛ САЛГАНЫ

 

Сары-Арканы жердеген,

Салышып адам жеңбеген,

Беттешкенин кыйраткан,

«Жалгыз жолборс мен» деген

Көкчөнүн уулу Үмөтөй

Көп келгенден кеп угуп,

«Манастын уулу Семетей

Коңурбайды өлтүрүп,

Кунун алды» деп угуп, Чоң казатта эр Көкчө

Өлгөнүн салып эсине:

«Семетейдин кылганы

Кудайга жагар иш эмес,

Өзүнөн башка бир баатыр Семетейге киши эмес!

Мени менен кеңешпей,

Мага боюн теңешпей,

Намысты жеке кубалап,

Манастын ушул жетими, Кайдан чыккан сугалак! Чоң чабуулдун күйүтүн Калдайган казак көрбөппү? Айдаркандын Көкчөсү Манас деп барып өлбөппү!? Коңурду жалгыз талкалап, Олжолоп үлүш бербестен, Жатып алды чалкалап.

Бул Семетей жетимден

Атамдын кунун аламын, Согушту Манас баштаган! Казатка айдап атасы

Көкчө канды баш кылып, Казактардын далайын,

Жылас кылып таштаган,

«Үлүшүмдү бергин,– деп,– Олжону тептең бөлгүн» деп,

Салайынчы эсине,

Карын бөлө болсо да, Кадырыма жетпесе, Көрүнөйүн көзүнө! Колумдан келип турганда, Тартынамын несине!

Армандуу атам Көкчөнү Жашында Манас өкчөдү. Айдап барып Кытайга Кандарды кылды көкбөрү. Кетер эмес көңүлдөн Атамдын канын төккөнү. Коңурбай болсо, өлүптүр, Менин бөлөм Семетей, Олжосун өзү бөлүптүр. Көкчөнүн уулу Үмөтөй Семетей үчүн өлүктүр!

Семетей менен күрөшөм,

«Атамдын кунун бергин» деп, Олжосун теп-тең бөлүшөм!

Бул сөзүмө көнбөсө, Тоодой болгон Буурулду Күч менен тартып аламын!

Дөөгүрсүгөн эрлерин

Төбөгө чаап, кул кылып,

Үйүмө жумшап аламын!»

Деп, ошентип, чамынып, Үмөтөй сөздү курганда, Айдай болгон Акеркеч:

– Ой, балам! – деп кеп айтат,–

Тууганың сенин Семетей

Кадырманың Каныкей

Өзүм менен бир тууган, Семетей менен Үмөтөй – Экөөнөн чыккан бир тууган. Бир туугандар чабышса, Ким да болсо айтпайбы, Буларды кандай жин урган! Айтканың, балам, кеп эмес, Акылга түшөр эп эмес!

Ал дагы – ата жалгызы, Сен дагы – ата жалгызы. Эки жалгыз кармашса, Кудайдын тиер каргышы!

Кагылайын кулунум,

Семетей оңой шер эмес,

Кылчайбай сайып кеткендей, Кыргызың оңой эл эмес. Өлгөн сайын өрчүгөн,

Түгөнгөн сайын түтөгөн, Эрдиги бөтөн келген журт, Кытайга кайрат берген журт.

Кармашканын койбогон,

Караңгыда калт этпес,

Кабыландай жойлогон,

Элдешсең, жолу даңгыр журт, Эрегишсең, жеңилбес, Ак ыйыктай алгыр журт.

Карын бөлөң Семетей

Караан кылат өзүңдү,

Мыктап угат сөзүңдү,

Кыяматтык кыйышпас, Күтүп алат өзүңдү.

Казак менен кыргызың

Бир буудайдын тукуму, Бир адамдын укуму.

Билгин, балам, ушуну!

Чоролор атың сугарар, «Кан Үмөтөй» дедиртип,

Даңкыңды кыргыз чыгарар.

Сениң атаң эр Көкчө

Кабыландай эр эле,

Бир-бирине кадырман Манасы менен тең эле.

Жоону бирге жоолашкан, Доону бирге доолашкан, Манас экөө шер эле. Тилимди алып кой, балам, Кыянат ойду жой, балам! Үмөтөй менен Семетей Бириксеңер,– той, балам!». Эне сөзүн Үмөтөй

Элес кылып койгон жок, Ичинде турган кара кир Ойлонуп чунак жойгон жок.

Эки сан баатыр кол менен,

Эңкейиш тарткан жол менен,

Кирген суудай шаркырап,

Ак сооту жаркырап, Сан эрендер шалкылдап, Таласты көздөй жол тартты.

Бул кабарды укканда,

Айласы кеткен Семетей,

Акылман абаң кан Бакай,

Капа болгон Каныкей, Чоролордун көзүнчө Маслакат салды өзүнчө: – Кыргыз, казак эзелтен Түбү чыккан бир элден.

Туугандыкка не жетсин?! Эскини эстеп жоолашып Кан төгүлүп кетпесин. Үмөтөйдүн алдынан Белегин алып алтындан Күлчоро чыгып эскертсин. Энелеш казак бөлөсүн

Урматтап, сыйлап көндүрүп Жолунан кайра жөнөтсүн. Кең сүйлөшүп, кеңешип Ушундай ойго келишти. Күлчорону атказып Жол батасын беришти.

«Жоо» дегенде сүйүнгөн,

Көпкөк темир кийинген,

Алманбеттин Күлчоро,

Жоо-жарагын шайланып,

Алгыр куштай айланып, Үмөтөйдүн колуна Жетип барып кеп салды:

– Ак тулпардай сүрөөндөш, Ак буудайдай үрөөндөш, Үмөтөй бөлөм, аманбы? Ата конуш Сары-Арка Белиң аман жатабы?

Ала байрак көк жебе,

Айтылуу казак үч урук Элиң эсен жатабы?

Акеркеч аттуу таяэжем,

Энең эсен жатабы?» –

Деген кезде Үмөтөй

Үзүр сөзгө келбеди, Үйрүлүп жообун бербеди.

Арпасын чийки оргонсуп,

Атасы көкжал Көкчөнү

Манас кармап сойгонсуп, Каарданып күүлөндү:

– Кыргыздардын Манасы

Эр Көкчөнү жеп салып

Жетим кылды баласын,

Атамдын кунун бербесе,

Семетейге айтып бар,

Курут кылам калаасын! –

Деп Үмөтөй сүйлөнүп,

Кагып ийчү токмоктой, Күпүлдөдү күүлөнүп.

Мындай сөзгө чыдабай, Ызасы келип аябай, Жообун айтты Күлчоро:

– Кагылышкан кармашта

Атаң Көкчө кан өлгөн, Атакем менин Алманбет, Кармашып жатып ал да өлгөн. Кырк чоронун кымбаты, Кыйын Сыргак дагы өлгөн. Кылымды бузган кыйындын Кымбатынын баары өлгөн. Өткөндү эстеп чырдашпай, Тууган бойдон калалы! Олжо болсо эсептеп

Тепе-тең бөлүп алалы,–

Деп, ошентип Күлчоро

Акыл кептен салды эле, Кудай урган Үмөтөй

Күрүлдөдү дагы эле:

– Алты канды Кытайга

Эс алдырбай кырк күнү

Кошуунду кыйнап айдаткан, Көй баатырдын баарысын Чет-Бээжинде кыйраткан.

Артында жетим-жесирди

Боздотуп күндө ыйлаткан,

Чыккынчы кытай карабет

Атакең сенин Алманбет! –

Деп бакырды Үмөтөй

Айткан жайды кенебей,

Айыгышкан эмедей,

Алдында турган чорону Бучкагына теңебей.

Ызаланган Күлчоро

Жарылып кете жаздады,

Ала калып найзасын, Үмөтөйдөй баатырды Ыргыта сайып таштады. Эр Көкчөнүн элинен «Каныбызды сойдуң» деп Каршы чыккан болбоду. Эки элдин болчу согушу Ошону менен токтоду. Билгенде муну Каныкей Капа болду абыдан: – Э, кокуй күн! Чунагым, Ушулбу сенин кыларың? Ээликкен менен Үмөтөй Чынында сенин тууганың. Тууганыңды өлтүрүп, Муунунду өзүң муунадың!

Кармашкан душман аз эмес, Канатташ тууган казак журт, Канында бизге кас эмес.

Кылганың жакшы болгон жок, Жакалашып жоо келсе, Казактан жакын тууган жок!

Бир тууганым Акеркеч

Жалгызынан айрылды,

Кайкалап жаткан көп казак Канына  катуу кайгырды.

Акеркечтин алдына

Даярданып баргыла Күнөөнү алып моюнга Кечирим сурап алгыла!

* * *

Күнөөсүн тартып Семетей,

Жер каптаган мал менен,

Көз кайкытар зер менен

Калың казак элине,

«Үмөтөйдүн куну,– деп,– Акеркечтин алдына

Алпаралык муну,– деп,– Эчен төөгө жүктөтүп,

Калкына кара кийгизип,

Калың казак элине

Кайгырганын билгизип,

Бөйрөктөрүн таянып,

Кошок айтып ыйлатып,

Жылуу-жумшак сөз тапкыч

Чечендерди жыйнатып,

Үмөтөйдүн эрдигин

Ырчыларга ырдатып,

Бөлөк тизип тулпарды,

Ар бир эрдин колуна

Бирден берип шумкарды,

Тулпарлардын баарысын

Үртүк менен үптөттү, Үмөтөйдүн өлүгүн Нар буурага жүктөттү.

Семетейге Канчоро Абаке, деп кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

– Ызаалуу иним Күлчоро Казактын канын өлтүрүп

Кыргызды жер каратты, Күнөөнү сизге көтөртүп Ыңгайсыз жайды жаратты.

Биз күнөөлүү болгон соң

Кексиз болуп кетелик,

Үмөтөйдүн кунуна

Тайбуурулду берелик! –

Макул болуп Семетей

Эртеңкисин кенебей,

Канчоронун айтканын

«Калпыспы?» деп элебей,

Жер чайпалткан чуу менен,

Азалуу кара туу менен, Көкүлүнө Буурулдун

Карадан үкү тактырып,

Дүңгүрөтүп дүйнөнү

Добулбасын кактырып,

Акеркечтин алдына

Кабарчысын чаптырып,

Үмөтөйдүн өлүгүн

Чоролорго бактырып Сары-аркага жөнөттү,

Эр Бакайды баш кылып…

 

КАНЧОРО МЕНЕН КЫЯЗДЫН

ДОСТОШКОНУ

 

Канчоро менен Чачыкей

Шыбырашып, сырдашып,

Семетейге ор казып,

Ор казганда мол казып,

Өзөктөн чыккан өрт болду, Өздөн чыккан жат болду.

Үмөтөйдүн кунуна

Тайбуурулду бергенде,

Канчоро менен Чачыкей

(Элден чыккан шерменде)

«Эми Кудай берди,– деп,– Эми кезек келди» деп,

Арамдык жолго киргени, «Ушундай» деп бир адам Душмандыгын билбеди.

Санаасы бузук Чачыкей

Сандуу жерге жүрбөдү,

Ар качандан бир качан Ушак сүйлөп жүргөнү. Канчоро болсо ар качан Күлчородон кем болду. Күлчоронун айтканы Кимге болсо эм болду! Кара көңүл Канчоро Кабыландай Күлүскө Кайсы жерде тең болду? Өзүн-өзү кемсинтип,

Канчоро кекти жыйнады,

«Күлүстү артык көрөт» деп, Күйүтү ичке сыйбады.

Ичинен бузук ойлонуп, Өзүнө макул ой жоруп, Семетейге кас болду, Жүрөгү кара таш болду. Муну билбей Семетей,

«Кадырманым, иним» дейт, Кара көңүл чоронун Кандайлыгы билинбейт.

Күлчоронун колунан

Үмөткө өлүм жеткенде,

Тайбуурул тартуу кеткенде,

Канчоро изин жашырып,

Душмандыгын ашырып,

Чачыкей менен кеңешип,

Семетей менен Күлүскө

Ичтеринен эгешип,

Күлчорону соймокко,

Семетейдин атагын

Жер жүзүнөн жоймокко,

Кадырлап өзүн кан кылып, Калк башына коймокко Куулук, шумдук ойлонду.

Көпөлөк учуп, куш сайрап,

Жер саймадай болгондо,

Кең Таластын оюна

Калың эл көчүп конгондо,

Капарсыз жаткан калың журт

Бейпилдикке оңгондо,

Таң атканда аттанып,

Кабагын ачып шаттанып, Жоо кийимин кийинип, Күлчорого кеп айтат:

– Тоодон кийик аталык,

Тамашага баталык,

Бечел болгон эмедей, Үйдө кантип жаталык.

Кайып жүрчүү тоолорду,

Качырата басалык,

Качантан бери бук болгон Черибизди жазалык. – Деп, ошентип, кош алып,

Он чакты жигит кошо алып,

Кең Таластын башына,

Каркайган аска ташына,

Чыга келип жатышты, Таштан теке атышты, Тамашага батышты.

Бакайдын салган тамында,

Көк жал Семең, жанында, Кара көңүл Канчоро Баштар ишин баштады:

– Жашыруун душман келбесин,

Кордукту мыктап бербесин,

Эл семирип бук болду,

Мал семирип нык болду,

Оолактап чекке барайын,

Жакшылап жолду чалайын,

Ташкенге дүрбү салайын, Талаанын баарын карайын.

Андан мындай салайын,

Анжыянга бет алып,

Аяктын баарын карайын

Коконго дүрбү салайын, Туздун кара тоосунан Туш-туштун баарын карайын.

Жакын барбы, жат барбы,

Жол жосунун ченейин,

Эл аралап, жер көрүп,

Жер бетинде кобурду,

Толуктап айтып келейин –

Деп, ошентип калганда,

«Мейлиң, барсаң, баргын,– деп,– Белдин баарын чалгын» деп, Макулдук берди Семетей.

Жооп алганда Канчоро:

– Айланайын Күлүсүм!

Далай-далай тоолор бар

Аркыраган суулар бар,

Баарын артып келейин.

Сурко¸нду бер? – деди. Эч шеги жок Күлчоро: – Атымды кантип аяйын, Максатыңа жет, – деди.

Ко¸нду минип кет,– деди.

Жоо-жарагын шайланып, Азык-түлүк байланып, Канчоро жолго салды эми.

Аркырата жол жүрүп,

Ал күнү катуу мол жүрүп,

Олуя-Ата, Меркини

Как ошондон беркини, Бура тартып бир жерге, Канчоро конуп калды эми.

Эртеси күнү болгондо, Намангенди бет алып, Аркырата жүрдү эми. Анжыянды каратып,

Абдан дүрбү салды эми:

«Атаңдын көрү, эр Кыяз, Атаңа наалат кер Кыяз, Убададан  танганбы?

Унутуп мени калганбы!

Жансыздын сөзү жалганбы?»

Болжошконун чоронун

Жедигер каны эр Кыяз

Кездешер жерде жок болуп,

Ар санаасы токтолуп,

Үшкүрүп турган чагында,

Күркүрөп мылтык угулду,

Укканда муну Канчоро

Коктуну көздөй бурулду – Эр Кыяздын өзү экен!

Сырдашып жүргөн досуна Канчоро айткан сөзү экен:

– Курчанган курум сен элең, Кубат кылган эр элең, Айткан кепте барсыңбы? Экөөбүздүн антыбыз Кадимкидей калсынбы? Эр Толтойду өлтүргөн Канкорго эми кез келди!

Кагылайын кан Кыяз,

Айтышкан антты бузбасаң, Кезек бизге тез келди!

Таласта азыр киши жок, Элдин баары жайлоодо, Суусамырда, тойлордо. Ордодо калган кырк чоро Эчтеме менен иши жок.

Ушул кезде Семетей Тайбуурулдан айрылып, Мокоп калды, мизи жок.

Он беш күндө даяр бол, Мен кетейин Таласка, Эсебиңден адашпа!

«Атабыз өткөн Манастын

Күмбөзүнө баргын» деп,

Арбагына Манастын

Бата кылып калгын!» – деп, Азгырып алып келейин. Кылгылыктын баарысын Бирин койбой кылалык. Ээрчитип келген чоросун, Ошол жерден кыралык!

Чынкожо, Толтой куну үчүн,

Канчоронун ары үчүн, Семетейди ал жерден

Кабыргадан басалык.

Канын суудай чачалык! –

Деп, ошентип калганда,

Канчоро муну айтканда

Алдындагы тулпарын

Кыяздын көзү чалды эми, Капаланып ичинен Досуна айтып салды эми:

– Мына бул минген тулпарың

Агамдын аты көрүнөт, Агамдын атын көргөндө,

Көзүмдүн жашы төгүлөт.

Сурко¸н деген ушубу?

Ко¸н сындуу мал экен.

Чачыкей өңдүү сулуусун

Ушуну минип алдырган, Абакем алсыз жан экен!..

Семетейге барам, деп Агамдын кунун алам, деп Кекенип калды кан Кыяз.

Убаданы бектешип, Канчоро, Кыяз чектешип, Айрылышып калды эми. Кара мүртөз Канчоро Кайра жолго салды эми…

Ат аябай жол жүрүп,

Күндөп-түндөп мол жүрүп,

Бир адамга билинбей,

Бир кишинин көзүнө

Кандуу чоро илинбей, Түндө келип күлүктү Таң ашырып салды эми. Чачыкейдин үйүнө Жыла басып барды эми.

Уурулардай кыбырап,

Укмуштарын шыбырап,

Кан, канышай болгонсуп, Кадыр менен толгонсуп,

Экөөнөн башка киши жок,

Өңгө жандын иши жок,

Кучакташа жатышып,

Кызыктарга батышып,

Бири – каныш, бири – кан,

Ой түбүнө батышып, Ойлорунча болушуп,

Ополуудай оңушуп,

Кылган иштин баарысын

Баатырлыкка жорушуп,

Эртең менен болгондо,

Тамак-ашка тойгондо,

Кара жүрөк Канчоро Семетейге, Бакайга,

Баарына келип кеп айтат:

– Кагылайын абаке!

Айлана-тыптынч,– деп айтат. – «Как» деп учкан карга жок, Кармаша турган калба жок. Тегеренип карасам,

Терс кыялдуу мал да жок, Олуя-Ата, чоң Ташкент, Ошонун баарын карадым.

Жыргап, куунап эл жатат.

Жалбырак учуп, күз болуп, Сары алтын болуп жер жатат.

Эгиндин баары бышыптыр, Ак төөнүн карды жарылып, Эл тоюнуп тыныптыр.

Өчөшкөн бизге жоо болбойт,

Ушул быйыл жоо болсо,

Бүт кырылып, соо болбойт!  – Муну укканда Семетей

Канчоронун кебине

Эч шеги жок дегеле,

Буйругун берди элине:

– Жайланып жата бергиле,

Эркин ойноп куш салып,

Той берип, шерне жегиле! – Ыраазы болуп эл кетти. «Эми Кудай берди» деп

Кандыгын ойлоп Канчоро

Көңүлүн көккө дегдетти…

КАНЧОРОНУН КАСТЫГЫ

 

Канчоро менен Кыяздын

Белгилүү күнү болгондо,

Кармашка келген калың кол

Капчыгайга толгондо, Семетейге Канчоро, Кылдаттык менен кеп айтат:

– Айланайын Кан-Төрөм,

Бая күнү чалгынга

Сурко¸н минип барганда,

Күмбөзүн көрүп Манастын Аябай калдым арманда.

Душмандар келип бузганбы,

Чагылган түшүп урганбы, Эшик жагы сыртынан Кыштары урап калыптыр.

Ак күмбөзгө баралык,

Ак боз бээни жаралык, Атабыз Манас арбагын Бир кубантып алалык!

Көптөн бери баралбай, Көңүлдөн чыккан турбайбы! Тайыбасак Манасты, Арбагы бизди урбайбы!

Чоролор менен Семетей Ак боз бээни бош алып, Таластын суусун кечти эми. Өйүздөгү күмбөзгө Бардыгы барып жетти эми.

Казанга отту жандырып,

Арбагына Манастын

Ак боз бээни чалдырып,

Кабыландай Семетей,

Кара ташка отуруп,  «Кечиргин,– деп,– жалгызды», Көзүнүн жашын агызды. Ал аңгыча болбоду, Айлантып өлүм торгоду!

Май-Булактын башынан,

Бакайдын кызыл ташынан, Ак ала желек туу менен, Кыяздын колу көрүндү.

Алдынан чыгып Канчоро

Кыяз менен көрүшүп,

Кол кармашып, өбүшүп, Аралашып калышты.

«Кыяз!» деген чуу менен,

Ак асаба туу менен,

Семетей менен Күлүстү Тегеректеп алышты.

Баатырдын уулу Семетей

Кылычын колго алалбайт,

Камчыдан башка жарак жок,

Душманга каршы туралбайт,

Мына ошондо Канчоро

«Эми Кудай берди» деп,

«Кезек мага келди» деп,

Алдынан чыга калды эми,

Кезешип жүргөн душманча, Семетейди жүрөккө Найза менен сайды эми.

Ошол кезде Семетей,

Эрип кеткен эмедей, Кыймылдабай, унчукпай, Көзгө түшпөй жок болду. Кайсалактап калың жоо Баатырды таппай токтолду… Жедигер каны эр Кыяз Аң-таң калды элейип. Семетейди таба албай

Туруп калды делдейип.

Тирүү десең – жерде жок, Өлүү десең – көрдө жок Кайда кетти Семетей?

Аны көргөн пенде жок! Жараланган Күлчоро Кансырап жатып бакырды: – Абийри жок Канчоро, Чымын элең, дөө болдуң,

Өзөктөн чыккан өрт болдуң!

Жакындан чыккан жат болдуң! Ушундай беле көрөрүм?!.

Өз досуман өлөрүм!.. –

Күлчородон ал кетти, Бүт боюнан кан кетти.

Чоронун баарын байлашып,

Канчоро менен кан Кыяз

Жөнөп калды ордого

Өздөрүнчө эрдемсип,

Эзелки жоосун жеңгенсип, Кан ордого барышты.

Ал жердеги чоронун

Баштарын алып салышты,

Чыйырды менен Канышты

Чыркыратып күң кылып, Айчүрөктү тул кылып,

Чачыкей деген канчыкты Каныша кылып алышты. Карыган кан Бакайды Малчы кылып салышты.

Кайгыга түшкөн Каныкей

«Жалгызымдан калбайм,– деп,–

Жабыгып жүрүп өлбөйм,– деп,–

Тирүү жүрүп кордукту

Канчородон көрбөйм,– деп,– Канжарды алып колуна Жарынмак болду «өлөм» деп.

Ошол кезде Айчүрөк

Тырмак тийген бетинен

Кочкул канын тамызып, Ыйлады жашын агызып:

– Айланайын энеке, Кайратыңыз канаке? Өлбөсөк, тиер күнүбүз, Кудайга жетер үнүбүз! Үмүттү үзбөй, энеке, Жанымда туруп туруңуз. Жалгызыңдан бир туяк – Белек калган өңдөндү. Өсүп чыгып, кек алчуу Зерек калган өңдөндү. Аман-эсен төрөлсө Тутка болор элине.

Өлбөй туруп, энеке,

Ошол күндү көрөлүк, Айланайын энеке, Ошондон кийин өлөлүк! Кантип аман сактайбыз Асылдан калган баланы!

Акылманым, энеке,

Ошонун жолун табалы! –

Деп буркурап Айчүрөк

Канжарын алып ыргытты, Кайраттанып Каныкей

Көзүнүн жашын кылгыртты…

                                                  Соңу.

 

СЕМЕТЕЙ

Саякбай Каралаев

(1894–1971-жж.)

ЖОМОК БАШЫ

Ээ…й! Көбү төгүн, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн, Көрүп келген киши жок, Көбөйткөн менен иши жок. Атаңардын жомогу, Айтпай койсок болобу! Уламадан уккан сөз, Улам бирге жуккан сөз.

Карылардан калган сөз, Каттай жаттап алган сөз.

Байыркынын жомогу, Таң каларлык болобу?!

Эр Манастан жаралган,

Бир уянын жалгызы,

Сермешкендин каргышы,

Бала жолборс Семетей

Баатырлардын бириккен,

Жүрөгүнөн жаралган, Азап көргөн элинин Тилегинен жаралган. Пайгамбардай Кошойдун Батасынан бүткөн дейт. Көк жал Манас айкөлдөй Атасынан бүткөн дейт.

Кан Манастын акылман Зайыбынан бүткөн дейт. Айланчыктап арбактар, Азиз кылып кеткен дейт. Бала төрө Семетей Элине тутка болгон дейт.

Ошол күндөн ушул күн,

Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс нечен түн өттү.

Эсеп жеткис жыл өттү, Сыр найзалуу эр өттү, Санжыргалуу шер өттү. Аты калып, наркы жок, Эчен түрлүү эл өттү.

Ошол күндөн ушул күн,

Сай бузулуп, тоо болду, Тоо бузулуп, коо болду.

Ошол күндөн, ушул күн

Түтөп өскөн жомокко

Сөз кошулуп, ыр кетти,

Манас менен Семетей,

Жазып калган эмедей,

Кайгы, капа көп болуп,

Атпай журтка кеп болуп, Унутулбай бул жетти. Качан болсо, бул жомок Кайрат берер кеп экен.

Кыйла кылым өтсө да

Калк баатырын жомоктоп, Карыбасы эп экен!..

Муну мындай таштайлык,

Алдас уруп шашпайлык,

Баатырдын уулу Семеңдин Тарыхынан баштайлык.

 

КАНЫКЕЙДИН КӨБӨШ КАНДАН ЧАБЫЛГАНЫ

Кан Манастын иниси Көпкөн Көбөш кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

«Сен улуусуң, Абыке, Каныкейди өзүңө «Алып берем», – деп айтат.

Абалдан адам өлүүчү,

Кайгыны калкы көрүүчү, Жесири калса агадан, Жеңесин кайни алуучу». Деп ошентип калганда, Абыке туруп кеп айтат:

«Жеңемди кантип алам? – дейт Энедей болуп калды эле, Койнуна кантип жатам?» – дейт.

Көбөш анда: «Акмак!» – дейт. Сен албасаң, мен алам,

Садага кеткин катындан, Куру калдың бактыңдан! Агасынын жесирин Иниси ээн таштабайт?!

Чогулуп кеңеш кургула. Түнөргөн тул жеңемди Көндүрүп мага тынгыла! Манастан калган чоролор, Өзүмө чоро болгула!

Кааласаң, кара, жан мына! Калың элди башкарчу Иниси Көбөш кан мына! Кыргыл аба, Тазбаймат, Каныкейге баргыла!

Жесир калган жеңемдин,

Убадасын алгыла!» – Ошондо Кыргыл кеп айтты, Кеп айтканда эп айтты: – Аркар аяк, жез билек Атты Манас мингизди.

Тонсуз келген чорого Келеме кериш, кең күрмө, Тон мыктысын кийгизди. Аялдыкка сулууну Алып берди зор Манас. Үйсүз келген чорого Ордо берди шер Манас.

Малсыз келген чорого

Аргымак, буудан аралаш, Бөлүп берди шер Манас. Үзүлгөндү улады, Чачылганды жыйнады.

Берен Манас – Көк жалдын

Маңдайында эр болдук,

Биринчи кыргыз эл болдук, Башка элдерге тең болдук. Кабылан Манас каныңдын Кыркына күнү жете элек. Каныкей кара жоолугун Өз башынан чече элек.

Көз жумбай жесир түнүнө

Кошогун айтат күнүгө! – Чорого Көбөш дүпүлдөп, Кирген суудай күпүлдөйт:

– Каны жок калды каганат, Көбөшкө зайып болгун деп Каныкейге барып айт!

Айласы кетип Кыргылчал

Айбалта белге салды эми, Сөз катпаган Байматты Жолдош кылып алды эми.

Кан Манастын ордого

Экөө жетип барды эми.

Эки чоро элеңдеп,

Айтар сөзүн белендеп,

Каныштын барды кашына. Замана түшүп зарланган Каныкейдин башына.

Окторулган Кыргылчал Ойлонуп карап турбады:

– Жамандык кантип санайын,

Кулак салгын, сен, айым,

Өлгөндөр кара көрдө бар, Кайгылуу арман элде бар, Жесирдик арман сенде бар. Атасынан айрылган, Семетей деген пенде бар. Өлгөндөн жесир калуучу, Жетимди жолго салуучу. «Өз жеңемди алам» деп, Кайниси каалап алуучу.

Жеңемди Көбөш алам дейт! Жетим калган инимди

Өз баламдай багам дейт.

Тийбесе мага бул жесир,

Айдап жолго салам дейт.–

Каныкей карап турбады, Аябай жаны кашайып, Чымындай сабыр кылбады. – Асылымдын өлгөнү

Кырк күнгө да жете элек,

Мен карабет Каныкей,

Тартынбаймын өлгөндөн, Эсиңе келгин, акмактар, Өлүп кетчү немедей!

Болоттон соккон ак канжар,

Кармай калып сабынан,

Сууруп алып кабынан,

Чоролорду качырды

Жоголгула азыр! – деп Долуланып бакырды.

Билгенде муну көр Көбөш

Кыжыры келип чамынды,

Келтирмек болду эсине Обу жок долу катынды.

Чоң жоого чыгып жаткансып,

Кан сарайга бармакка Чоролорун камдады Каныкейди чапмакка.

Билгенде муну Каныкей

Баламды союп кетет,– деп,

Жалгызымдан айрылсам,

Кантип күнүм өтөт? – деп, Чыйырдыга кеп айтат:

– Айланайын энеке! Уулуңдан калган ботоңду, Боорубузга бассак дейм!

Мелтиреп жаткан кара зоо,

Ошону көздөй качсак дейм! Арамдар келсе, оң кылбайт, Жалгызыңды соо кылбайт! Бул жерде жүрүп нетели?

Букарды көздөй кетели,–

Ай түнөрүп батканда,

Эл төшөккө жатканда

Баланы басып бооруна

Чыйырды менен Каныкей Аттанды Букар жолуна.

– Кара-Буура, Чаткалым,

Кетемин сенден чама жок, Кайран жерим, эсен бол! Аппак калпак, көк чепкен,

Кайран элим, эсен бол! Кызыл көйнөк, найча бел Кыз балдарым, эсен бол!

Келенкер чачпак, кең соору!

Келиндерим, аман бол!

Кайран жер, Талас, кошкун деп

Кайраттанып бел байлап,

Кайгырып ыйлап, көз жайнап,

Кең дүнүйө тар болуп,

Таластан чыкты Каныкей Муңдашаарга зар болуп.

Жаралуу бою зыркырап. Үшкүргөндө Каныштын

Оозунан түтүн буркурап.

– Ой, Каныкей, кулунум! Боздой бербе чыркырап!

Берениң, төрөң өлгөн соң, Белиңди байла, Каныкей!

Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок.

Таластан тез кетели,

Атакеңдин шаарына Тезирээк барып жетели! Ажалы келсе, өлөрбүз,

Азабы болсо, көрөрбүз. Жалгызың эптеп эр жетсе, Бир жакшылык көрөрбүз!

Найзага таккан желегим, Айкөлдөн калган белегим.

Тулпардан калган туягым,

Ушу турган Семетей – Туйгундан калган чунагым; Асманда жарык жылдызым,

Жакамда жакут, кундузум;

Оозумду ачып өпкөнүм,

Көзүмдү ачып көргөнүм,–

Деп, ошентип Чыйырды,

Күрсө-күрсө жөтөлүп,

Балтыр бешик жетимди

Алмак-салмак көтөрүп,

Белести басып өтө албай, Караган, бута, таш көрсө,

Бекинген менен бата албай,

Чарчап, ыйлап, басалбай,

Басайын десе ал кетип,

Балтырдан кара кан кетип,

Жиликтин башы зыркырап,

Таманы ташка былчырап,

Эки катын, бир бала

Батпай кетип баратат,

Адыр-адыр белести,

Ашып кетип баратат,

Күндүзүндө тынч албай,

Түнүчүндө уйку албай,

Күндөп-түндөп жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Аябас алыс жол жүрүп,

Мунарык түшкөн чөл менен,

Будур-будур бел менен, Далай-далай чөл басты, Букарга келди жол асты.

Муну мындай таштайлык,

Букардын каны Темиркан, Ошолордон баштайлык. Акылы терең, колу март, Касиеттүү жан эле.

Балдарынын кенжеси Ысмайыл аттуу бала эле.

Эмирдин уулу Ысмайыл,

Толуп калган чагы экен,

Эл оозунда макталып,

Болуп калган чагы экен,

Былк эткизбей көп журтту Бийлеп калган чагы экен.

Ит агытып, куш салып, Ат арытып, жер чалып,

Элдин четин сак-сактап, Жүрүп калган шер экен.

Ит-Торпунун боюнда,

Кан Букардын оюнда, Алыстагы караанды, Ысмайыл көрүп калыптыр. – Жүргүлө, эрлер, баралык!

Басып келген жоо болсо,

Төбөсүнөн басалык! – Жигиттер менен Ысмайыл Жетип келип жакындап, Эжесин араң тааныды.

Инисин көрүп Каныкей,

Буркурап, боздоп ыйлады, Көзүнүн жашын тыйбады.

– Жездең Манас өлгөндө,

Асылың жерден өткөндө,

Артында бала калды жаш

Жаш жетимди калкалап, Энекемди аркалап, Таштап качтым Таласты.

Айланайын Ысмайыл, Жетимди сага берейин.

Мойнуна тумар тагып ал,

Жетимимди кор кылбай, Өз балаңдай багып ал!

Темир кандын Ысмайыл Эжеси берген жетимди Бооруна басып алды эми.

Эртеси элди чакырды

Он жети күнү той кылды,

Байгелеп ат чабышты,

Баатырлары сайышты,

Чыйырды менен Каныкей Ыраазы болуп калышты.

 

СЕМЕТЕЙДИН  БАЛА  ЧАГЫ

Кыраан Манас көкжалдын

Ата экенин билгизбей,

Кеңирсип жаткан кең Талас

Жери экенин билгизбей,

Артыкча тууган Каныкей

Эне экенин билгизбей,

Тай акеси Ысмайыл

Семетейди бактырды,

Беш жашка бала келгенде,

Берендиги билинди,

Каруусуна ок-саадак

Кадимкидей илинди,

Жети жашка келгенде,

Мылтык атып, жаа тартып, Ат чапканды үйрөндү.

Он жашына келгенде,

Оболоп учуп дегдеди,

Оюна түшкөн кыялын Бир бендеге бербеди.

Он экиге келгенде,

Алоолоп турган өрт болду, Ачуусуна тийгендер Аябастан мерт болду.

Ит агытып, куш салып,

Мылтык атып, жаа тартып, Тентектиги ашынды. Темиркан анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

– Калкыма кабар салайын,

Сегиз кан элин чогултуп,

Ат чаптырып той кылып, Бир тамаша салайын!

Он экиге толгондо,

Ко¸р бекен тентегин?

Он экиге толду деп,

Мүчөл жылы болду деп,

Балалык өттү, болду, деп, Небереме той берем.

Келиң баары тойго деп,

Кумар жазып ойно деп. Кан багалек, кандуу кол Эрлери келсин тоюма! Калың элдин атасы Кары келсин тоюма!

Калдайган элин башкарган

Букардагы сегиз кан,– Рахат алсын тоюман! – Деп буюрду Темиркан.

Жесир катын Каныкей

Бул кабарды укканда,

Тайторудай бууданды Чабайын деп тоюнда Ырым кылды оюнда.

Октой болгон Тайтору

Белгилүү күлүк мал эле,

Береним төрөм өлгөндө

Катагандын кан Кошой (Кагылайын абакем!) Асага берген тай эле.

Ушу быйыл жаныбар

Каржалар кези болду эле. Төлгөгө чаап көрөйүн Тайтору күлүк атымды.

Астыга келсе Тайтору,

Ушул турган Букардын Баш байгесин бөлөйүн!

Артта калса Тайтору. «Ары жок катын» дедирбей, Ажалдан мурун өлөйүн!

Чыгып калса Тайтору, Ичимдин муңун ачайын!

Кагылайын Семетей,

Атасын тарткан шер болсо,

Көпкө тууган эр болсо,

Таласка Кудай кондурса,

Касиеттүү кыргызды

Кайрылып көрөр күн, болсо,

Ыйлаган ыйым басайын,

Кайрат кылып жашайын,–

Көзүнөн жашы төгүлүп,

Жаңы келген келиндей

Тизесин бүгүп жүгүнүп,

– Батаңды бер, эне,– деп Чыйырдыга жалынды. Ак байбиче Чыйырды

Теңирге колун көтөрүп, Күрсө-күрсө жөтөлүп, Кол көтөрүп ыйлады: – А дүйнө кеткен Манасым, Колдой көр,– деп зарлады: – Чубак, Сыргак эгизим Жесириңе көзүң сал!

Ат чабышта тулпарың

Кайрат берип сүрөп ал! Ишин Теңир оңдочу, Келинимди колдочу! Үмүткөр болгон байкушту Жер каратып койбочу!

О, Каныкей, береним, Ат чабышта Тайторуң Байгеге чыгып келсинчи! Телмирип турган жесирге

Тилекти Кудай берсинчи.–

Каралуу катын Каныкей

Чыйырдыдан бата алып,

Сан санаага маталып

Букарды көздөй аттанды, Тайторуну жетелеп,

Кан сарайга барды эми, Ат чабышка салды эми. Темиркандын Ысмайыл Семетейди чакырды:

– Ой, кулунум Семетей! Сенин бул тоюңда

Жесир эжең Каныкей

Кан сарайга барыптыр, Минип жүргөн торусун Ат чабышка салыптыр. Биринчи келсе Тайтору

Байгени элге бөлүп бер Артта калса Тайтору, Курмандыкка чалып кел! Кан чыгарып, агызып Эл батасын алып кел!

Макул болду бул сөзгө Он эки жашар Семетей. Кара кийген Каныкей Эне экенин биле элек.

Киндик кесип, кир жууган, Кеңирсиген кең Талас Жери экенин биле элек. Ак калпактуу  кыргыздар Эли экенин биле элек…

* * *

Кан сарайдан Каныкей

Манастан калган дүрбүнү Мойнунан алып караса. Кең кепенин четинде

Деңиздин берки бетинде,

Атасынын Актулпар

Арыштап чуркап алыптыр, Көкүлү көккө бириндеп, Закым болуп калыптыр.

Башын жерге сала албай,

Аркардай арыш алалбай,

Каргадай бала жонунда Келе жатат Тайтору Үч жүз аттын соңунда…

Капа болуп Каныкей

Чымындай жандан түңүлдү,

Мурдунан суусун тарталбай,

Көзүнүн жашын арталбай,

Кабыргасы сөгүлдү,

Арбагы күчтүү Манаска Жалынып жашы төгүлдү.

Үмүттөнүп Каныкей

Көзүнө салса дүрбүнү

Ит-Торпунун жолунда,

Кезең кырдын оюнда

Санап көрсө Тайтору,

Келе жатат кайран мал Алтымыш аттын соңунда.

Жеткилең жүрүп калыптыр; Басканына мал жетпей, Башкача чуркап алыптыр… Азиз кандын жалгызы Арыштаган бууданды Алманбет сүрөп алыптыр.

Анын бери жагында

Кырк чоронун кырааны,

Акбалтанын Чубагы,

Ач кыйкырык, куу сүрөөн,

Адамдын  алы жетпеген,

Арстан тиши өтпөгөн

Көк рапыс тон кийген,

Көгала сындуу ат минген, Акбалтанын Чубагы Торуну сүрөп алыптыр.

Асты жагын караса

Кабылан Манас, Сыргагы

Бакырыгы баш жарып, Кыйкырыгы таш жарып, Өбөктөп чаап калыптыр, Торуну сүрөп алыптыр. Анын артын караса,

Аккула минген шер Манас Тайторуну соорулап Алдыга сүрөп алыптыр.

Асыл тууган Каныкей

Арбактарды көргөндө

Ыйлады жаны чыркырап

«Аташкан төрөм, көк жалым,

Ала кет»,– деп буркурап,

Карагаттай көзүнөн

Камчы бою жаш кетти,

Арбактар колдоп тилекти,

Кең-Мойноктун жонунда

Келе жатат Тайтору

Алты буудан соңунда

Эпсиз күлүк Актулпар

Ал да күлүк мал экен. Эңкейишке киргенде

Тайтору озот мойнунча, Өргө чыга бергенде, Актулпар озот мойнунча.

Эрегише жарышып,

Эки үзөңгү кагышып,

Томуктай жерде тоосу жок,

Айбандын зору Тайтору

Башкача чуркап алыптыр, Мойнун жерге салыптыр. Алты жүздөй нак буудан Алда кайда калыптыр.

Аркардай арыш узарып,

Кулжадай көзү кызарып,

Араандай оозу ачылып,

Кан аралаш ак көбүк

Жол боюнда чачылып,

Ооздукту каккылап,

Тал жибектей куйрукту

Чаткы аякка чапкылап, Келе жатат Тайтору.

Бала туйгун Семетей

Астындагы тулпарга

Олбуй-солбуй камчы уруп, Оң-тетири теминип, Айбаттуу ураан салды эми. Кайран катын Каныкей Асмандан күнү бүркөлүп, Алтымыш санаа бир келип: – Айланайын кудай-ай, Атын ээси алдыбы?! Артыкча көөнүм жадырап Тилекти берип салдыбы! Көрөргө эми күнүм бар, Ушундан бөлөк кимим бар?! Тулпардан калган туягым, Туу казанат чунагым!

Найзага таккан желегим. Асылдан калган белегим!

Алыста калган элиңе

Аныктап тиер керегиң! –

Деп, ошентип, сабылып,

Карасын кайра салынып,

Атасындай чунактын

Караанына жалынып,

Эч бир жанга көрүнбөй, Бир кишиге билинбей Ордону көздөй жөнөдү.

Тоодой болгон Тайтору Алдыга чыгып келди эми.

Байгесин алып Семетей,

Убадасын бузбастан, Балбандарга бөлдү эми.

Улуу, кичүү, карысы Бири калбай баарысы

Ыраазы болуп калды эми.

СЕМЕТЕЙДИН САРЫ ТАЗГА

ЖОЛУККАНЫ

Бала жолборс Семетей

Опол тоодой көрүнүп,

Кыя жол болуп бөлүнүп,

Астындагы мингени

Темир кандын тулпары, Кондуруп колго алганы Ысмайылдын шумкары.

Имерилген суу менен,

Иттердин үргөн чуу менен,

Көк шумкарды ыргытып, Каз-өрдөктү зыргытып, Ыргап жүрөт Семетей.

«Көп кубаныч тамаша, Жыргап жүрөт Семетей…

Ал токойдун боюнда,

Төрт аркан бар жонунда,

Көмүрү менен көө болгон, Көп токойго ээ болгон Дөө сыяктуу таз көрдү.

Шумкардын боосун колго алып, Көргөнүнө таң калып, Карап калды Семетей.

Ошол кезде Сары таз

Төө мойнундай чоң орок

Белине мыктап таңылуу,

Тикенектүү токойду

Орок менен койгулап, Түбү менен жойгулап, Төөчө жөөлөп алды эле.

«Күү» дегизе бир үйлөп,

Кырк кулач көсөө колунда,

Тегерегин үйүрүп,

Кара көрсөң калтырбай,

Көнөктөй болгон көпкөк чок

Көсөө менен бөлүнүп,

Бул көмүрчү тазыңдын

Камбылы көзгө көрүнүп,

Алты көнөк суу баткан

Өгүз баш кара жанаяк

Кайнар кара булакка

«Күп» дегизе малды эми, «Күр» дегизе бир ууртап,

«Күп» дегизе бир бүркүп,

Кырк кулачтай көсөөнү

Көмүрүнө салды эле,

Алтымыш төөгө жүк көмүр Өчүп жатып калды эле…

Жанына барып Семетей Салам айтса сөзү жок.

Салам турмак тазыңдын

Көрүп койгон көзү жок.

Зыңгырап ал таз кенебей

Кылчайып да койгон жок, Укпай калган эмедей.

Көмүрүн шилеп карабайт, Темиркандын эркесин Кишиби деп санабайт.

Муну көрүп Семеңдин

Жүрөгү күйүп жаралай, Каарданды тура албай:

  • Салам берсем, алик жок,

Көмүрдөн башка ишиң жок, Баатырсыңбы, таз киши?

Башка менен ишиң жок,

Каапырсыңбы, таз киши?! – Сары Таз анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

  • Эрбең-эрбең толгонсуп,

Эми киши болгонсуп, Тулпарды минип келипсиң, Оюңда жок эчтеме Эмне мынча желиктиң? Кымбатың кыргыз, кең Талас, Элиңе качан жетесиң?!

Бул токой сага жер эмес,

Атаң Манас көк жалдын

Өпкөсүн жарып өлтүргөн,

Энекеңди алам деп, Кең Таластан качырган Абыке, Көбөш мен эмес!

Кыйналып тентип Каныкей,

Эр болсо элин табар – деп,

Элинен кабар алар деп,

Артыңан качып мен келдим,

Көмүрчү болуп сенделдим,

Энесин «эжем» деп жүргөн, Темиркандын бакмасы Сендей байкуш бар бекен?!.

Өз элине зар бекен? – Көмүрчүдөн кеп угуп,

«Элиң бөлөк» – деп угуп,

«Кыямат кеткен шер Манас

Өзүңдүн атаң» – деп угуп,

Семетей жетим сабылды,

Көзүнүн жашын көлдөтүп Көмүрчүгө жалынды: – Кагылайын абаке, Түйшүккө салдың баланы!

Билбегенди билдирдиң,

Ойго келбес санааны,

Кечиргин, аба, сөзүмдү, Керек болсо, чукуп ал

Айнектей эки көзүмдү! Сөзүм тийди, абаке, Башымды тосуп берейин!

Айткандарың чын болсо,

А дүйнө кеткен шер Манас

Ата экени чын болсо,

Байкуш жесир Каныкей Эне экени чын болсо,

Таласка өзүм барармын, Тууган элим кыргызга Шаң көтөрүп алармын!

Айтканымды кылбасам,

Атагы урсун Таластын,

Арбагы урсун Манастын! –

Деп буркурап Семетей

Боодон алып шумкарды

Моюнга чаап тулпарды,

Жанынан кечкен эмедей

Букарды көздөй чу коюп, «Айкөл атам Манас» – деп, «Мекеним менин Талас»,– деп.

Көк Теңирге жалынды.

«Темир кан менен Ысмайыл

Тегимди айтпай койду» – деп, Тегеле жаман таарынды. Он эки күнү суу ичпей

Тамак жебей, сүйлөбөй, Кайраты кетип алсырап, Жатып алды Семетей. Ботодой боздоп буркурап, Уулуна келди Каныкей. Энесин Семең көргөндө, Жашылданып кеп айтты:

  • Ой, энеке! – деп айтты.–Азапты тарткан экенсиң, Талас деген жер кайда?

Кыргыз деген эл кайда?

  • Ой, кулунум, сөзүмдү ук.

Кагылайын жетимим, Кайнап жаткан шорумду ук! Бала кезден атакең

Элине маанаш болуптур,

Мекенин коргоп душмандан Эр Манас атка конуптур.

Чачылган кыргыз уруусун

Кайрадан жыйып журт кылып Зор каганат куруптур. Баскынчынын баарысын Түркстандан кууптур… Көкөтөйдүн ашында

Эр Манас болуп башында

Кытайдын каны Коңурбай Кыргыздан байге талашып Кан төгүлдү аябай…

Каарданып кан Манас

Кытайга каршы чыгарда,

«Барбагын деп казатка Салба деп элди азапка,

Жалынып ыйлап боздодум. Каары катуу атакең Сөзүмдү угуп койбоду.

Чоң казатта кыргыздар

Кытайга кыргын салыптыр, Коңурбайды багынтып Чет-Бээжинди алыптыр.

Жашыруун барып Коңурбай Ак көйнөкчөн Манаска Ууланган найза сайыптыр. Көтөрүлүп бүт Кытай

Кыргызды курчап алыптыр,

Кол салып барган баатырдын Бардыгын кырып салыптыр.

Таласка келди кан Манас

Чоролордон ажырап, Жетим-жесир, бүт элден Кечирим сурап  буркурап. Кучагымда атакең

Каза болду кансырап…

Кудайдан келген накыл бар:

«Элин-жерин коргосо,

Өлбөс болот баатыр, деп

Багынтам деп башканы,

Кылыч менен кол салса,

Кылычтан өлөт акыр», деп Айтыптыр Иса пайгамбар.

Атаң, тарс-тарс жөтөлүп,

Жаздыктан башын көтөрүп, Акырет көздөй кетерде, Көзүн ачып кеп айтты:

«Бул Талас сага жер эмес,

Көрө албаган алты арам,

Силерге такыр эл эмес,

Тажиктин Букар шаарына Атаңа барып күнүң көр!

Өлгөндө көргөн чунактын

Мойнуна тумар тактыргын, Уялашың, бир тууган Ысмайылга бактыргын. Он экиге келгенде,

Таласын эске саларсың,

Сенин атаң Манас – деп

Балама сырың айтарсың.» Кайсы бирин айтайын!?

Арбагын сыйлап атаңдын,

Кагылайын кулунум,

Аман барсаң Таласка,

Киндик каның тамызып Сен туулган жер ошол! Арстан Бакай олуям Айласы жетик шер ошол.

«Тилегим качан берет,– деп,– Жетимим качан келет?» – деп Ыйлап жүргөн кезидир. Кагылайын кулунум,

Калкыңдын жайын айтайын:

Көк сүлөөсүн, кундуз бөрк Чалдары сыпаа кыргыздын. Кармашкандын жолунда Балдары баатыр кыргыздын.

Аргытып атка чабышкан,

Айкашкан жоодо салышкан, Келини сонун кыргыздын.

Өрүүдө үйүн оңдошкон,

Көчкөндө төөсүн комдошкон,

Кызылдан кийген күрмөнү,

Жаш кайыңдай буралган,

Тал чыбыктай суналган,

Алганына жарашкан,

Кызыл беттүү, кымча бел, Кыздары сонун кыргыздын.

Бейкут болуп жайланган,

Белдемчисин байланган,

Кымыз менен сүт берип, Балдарына  айланган, Кемпири сонун кыргыздын.

Телегейи теп-тегиз,

Жери жакшы кыргыздын.

Өзөгүн берген өз десе,

Эли жакшы кыргыздын.

Талас менен Сары-Өзөн, Ысык-Көл, Нарын, Чоң-Алай.

Атпайдын жүргөн жери ошол.

Сенин элиң кыргызда

Отор малдан, жылкы көп, Жашыгынан курчу көп, Жан жыргаткан ырчы көп.

Элдеринде салты көп,

Экиленген марты көп, Арамдары көрсөткөн Алда канча дарты көп.

Борсулдаган күлкү көп,

Жылмаңдаган жубан көп, Кеткенинен келген көп, Базарынан кербен көп, Бараң аткан мерген көп.

Атаңдын калкы кыргызга Аңдыша турган шыбыш көп.

Жүз жанбаган баатыр көп,

Баатырды тапкан катын көп,

Карысынан жашы көп,

Өзөн-өзөн суусу көп, Өрдөк-чүрөк куусу көп. Каркылдаган казы көп, Каз ойногон сазы көп.

Арышы жок бечел көп, Айтышканга чечен көп.

Кайсы бирин айтайын

Алабата, күүдүрөк, Төөнүн жери кең Талас. Бетеге белден жошулган Бээнин жери кең Талас. Талас өңдүү жер барбы, Атпай өңдүү эл барбы?! Кагылайын кулунум,

Бакайдай абам кайда бар?! Бакайдан саа пайда бар!

Байдын уулу эр Бакай

Жакын тууган Манаска,

Барганда, балам, табарсың, Баатыр Бакай Таласта.

Күйүткө башы баткандыр. Семетей жетим сен үчүн,

Бакайдын шору каткандыр, Эки Кең-Көл чатынан.

Кең Таластын башынан

Арстан Манас баатырдын

Күмбөзүнүн кашынан

Бакайга, балам, барарсың, Бакайды таап аларсың.

Кагылайын кулунум,

Барганда баарын көрөрсүң, Атаңдын көрүп күмбөзүн, Көзүңдүн жашын төгөрсүң.

Чоң атаң Жакып баш болуп,

Абыке, Көбөш кас болуп,

Эзелден душман өзүңө,

Байкабастан жаш жетим, Жалган сөзгө ынанып, Келтирбе зыян өзүңө.

Ишенгин, балам, сөзүмө!

Эсен барып, кулунум,

Эсен кел деп өзүмө!..»–

Тайторуну мингизип,

Ак темир соот кийгизип,

Мойнунан бекем кучактап,

«Аман болгун, чунак» – деп,

Жаш баладай бышактап,

Коштошкондо Каныкей

Таякеси зар ыйлап,

Калайыктын баары ыйлап,

Карыгер Темир кан ыйлап,

«Эр жалгызы шер эле,

Атактуу Манас баатырдан Белек калган эр эле.

Өлбөй, житпей, бул жетим

Аман жүрсүн деги эле!» – Деп ошентип кол жайып,

Кары-жашы чуркурап,

Каныкей менен Чыйырды Кош айтышты буркурап, Баары бата бергенде:

– Кош, апаке, берекем!

Манасты тапкан энекем!

Айланайын элимден,

Адашып калган мен экем! –

Деп, ошентип, Семетей Аттан түшүп бүгүлүп,

Бардыгына жүгүнүп,

Кош айтышып кол берди,

«Аман бол, Букар эли» – деп, Тайторуга жол берди!..

 

СЕМЕТЕЙДИН ТАЛАСКА КЕЛГЕНИ

Манастын уулу Семетей

Боз мунарык керүүнүн

Бою менен кыдырып,

Сыр-Дайра кечип жол тартып,

Ашуу ашып, таш басып,

Бөөт-бөөт бел көрүп,

Бөксөлүү эчен жер көрүп,

Ичке талдан сыдырып,

Чыйырчык, Салар – эки суу

Бою менен кыдырып,

Тайторуну чалдырбай,

Жатып уйку кандырбай,

Эски Ташкент, Чалдыбар,

Эңкейип жетим басты эле,

Казы-Курттун чоң талаа, Ал талаага келгенде, Жер соорусун көрдү эле. Оң кол жагын караса, Таластын жери көрүнөт.

Чыдай албай жетимдин, Көзүнүн жашы төгүлөт…

Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас – Жер соорусу турбайбы, Жердеген адам тунбайбы!?

Адырдан аркар куюлуп,

Адырдын чөбү суюлуп,

Будурдан бугу куюлуп,

Тектирден теке камалып, Текении жүнү сабалып, Жаткан экен кең Талас! Эчтемесин аябай, Кудайым берген турбайбы.

Ушундай жерин билбесе,

Жетимди Кудай урбайбы?! Таластын суусу ташыптыр, Таш башынан ашыптыр.

Түбүнөн ташы калдырап,

Үстүнөн көбүк жалбырап,

Аңтарылып, сөгүлүп,

Төө өркөчтөп төгүлүп,

Андан ары караса,

Түгөнгөн тоонун урчукта,

Дүмпүйүп жаткан тумшукта, Кара жолдун үстүндө, Заңкайып күмбөз көрүндү. Ал күмбөздү көргөндө, Көзүнүн жашы төгүлдү. – Он эки жашка келгенче Дайыныңды билбедим.

Атаке, сени билгенде

Көрө албай жаткан жайыңды Ичимен сыздап кейидим. Алдыңда турам, ойронум, Уулуңду, ата, кечиргин.

Сени өлтүргөн Коңурду Өлсөм да тирүү койбоймун! – Көзүнүн жашын тыя албай. Турганда жашып Семетей

  • Сен кимсиң? – деп сурадыКүмбөзгө келген кан Бакай. Айтып берди Семетей Ичиндеги арманын:
  • Мен кыргыздын кулуну,

Кан Манастын уулумун,

Тууган энем Каныкей

Чоң энем менин Чыйырды,

Өз атым менин Семетей,–

Деген сөздү укканда, Семетейди кучактап,

Ыйлады Бакай бышактап:

  • Манастан калган чырагым,

Элине качан келет деп

Эзелтен сени күткөмүн, Жол карап ыйлап жүргөмүн.

Мен Жакыпка барайын,

Сараң чалды дүрбөтүп,

Сүйүнчүсүн алайын! –

Деп, ошентип кан Бакай, Жетип барды Жакыпка:

  • Абаке, Жакып, сүйүнчү,

Душманга болсун күйүнчү!

Семетей келди, тосуп ал! Энекеси  Бакдөөлөт Сүйүнчүңдү берип сал!

Жакып кан турду ойлонуп,

Тескери карап толгонуп, Бери карап күлгөнсүп,

Кан Бакайды сүйгөнсүп:

  • Болсун, Бакай, болсунчу! Баламды бачым алып кел, Көрүп көзүм тойсунчу!

Сагынган балам келиптир, Тилекти Кудай бериптир! –

Деп, ошентип бай Жакып

Эр Бакайды жөнөтүп, Катынына кеп салды, Кеп салганда деп салды:

  • Ой, байбиче Бакдөөлөт,

Семетей келип калыптыр,

Башынан бузук, ит Бакай, Баланы колго алыптыр. Өжөр жетим соо турбайт, Өчөшкөнүн соо кылбайт.

Өлмөйүнчө тынбайт го,

Кытайдын каны Коңурдан

Манастын кунун алам деп, Казатка элди айдайт го!

Абыке менен Көбөшкө Эч жакшылык кылбайт го? Өзүм ичкен идишке Бакайга шарап суу бергин! Шербетке чылап аябай, Семетейге уу бергин!..

Шарапка Бакай дуулансын, Заар ичип, жетим уулансын!

Байбичем, бачым тургун,– дейт,– Бакай кайтып келгинче, Даяр болуп тургун! – дейт! Жакыптан бул сөз чыкканда, Бакдөөлөт муну укканда: – Өз баласын өлтүргөн, Э, кокуй, сендей жан болбойт! Небересин өлтүргөн Эзелде, сендей чал болбойт! Ууңду Жакып, чылабайм, Айтканыңа чыдабайм!

Убалың тиет балдарга!

Кабарың кетет кандарга, Жамандыгың угулат, Кемпир-кесек, чалдарга!

Бул сөзүңдү койгун! – деп,  Бакдөөлөт айтып турганда…

Бычагын кындан сууруп,

Бакдөөлөттү кууруп,

Жакып турду калтылдап, Токолуна баркылдап: – Азыр сени со¸юн, Унчукпас кылып ко¸юн! Өчүмдү сенден аламын, Заматта жайлап саламын!

Шамшарын алып колуна,

Оолугуп Жакып турганда,

Коркконунан Бакдөөлөт,

Аякка ууну чылады

Не кыларын биле албай, Кудайдан коркуп ыйлады. Семетей менен кан Бакай Кирип келди «салам!» – деп.

Семетейдин алдына Бакдөөлөт менен Жакып кан Басып барды «балам» деп. Кайгыргансып бай Жакып, Семетейге салды кеп:

– Жетимим сени сүйдүрбөй,

Чебер-чендүү күйдүрбөй,

Арстаным Манас өлгөндө, Чыйырды эстен адашты. Каныкейге кошулуп, Таштап кетти Таласты.

Көрдүм, балам, көзүңдү, Агаларың сагынып, Күтүп жүрөт өзүңдү!

Ой, байбиче Бакдөөлөт!

Арак, шербет куйсаңчы, Суусап келген балама Шербеттен бачым сунсаңчы!

Өзүм ичкен шараптан

Эр Бакайга куйсаңчы! – Кумурадан Бакдөөлөт

Бакайга сунду шарапты

Шербет куюп уу салган

Аякты сунду балага,

Бай Жакыпка билгизбей, Калбайын деп балаага Көз кысып, башын чайкады.

Семетей муну байкады, Колундагы  аякты Кайра сунду Жакыпка: – Адашпайын жолуман

Арбагың улуу, чоң атам,

Ичип кой менин колуман! – Деп, ошентип Семетей

Тура калып сунганда,

Бай Жакып шашты жалдырап, Сөз баштады балдырап:

– Сапар кетер чагымда,

Кыстаба, балам, «ичкин» деп, Кыямат кетер табымда.

Таттырба даамын мунуңун,

Ичип кой өзүң, кулунум! –

Көргөндө муну Семетей,

Ачуусу келе баштады, Ит аякка алпарып, Шарапты куюп таштады.

Маңгыт-даңгыт иттери Жыттаганда кулады, Жансыз болуп сулады.

Көргөндө муну Семетей

Өлтүрмөк болуп атасын,

Токтоно албай жаш бала Кылычын алды кынынан. Жанындагы эр Бакай Кармап калды колунан:

  • Сабыр кыл, балам Семетей,

Өлтүрбө чоң атаңды,

Жараткан Кудай кечирбейт,

Кан төккөн бул катаңды! –

Семетейди жетелеп,

Эшикке чыкты кан Бакай,

Ак сакалын жайкалтып, Бозчологун чайпалтып, Жөнөдү кан Көбөшкө:

  • Семетей келди, сүйүнчү!.. Кас душманга күйүнчү, Канатың келди тосуп ал!

Кайгырып кеткен иниңди

Кадырлап элге кошуп ал! –

Бул сөздү Бакай салганда, Көөлдөгөн көр Көбөш

Ачуусу келип, чыр салды, Кубанып келген Бакайды Кол бакан менен бир салды. Кан Бакайдан ал кетти,

Чоролор чуркап барышып,

Көбөштү кармай калышып,

«Кечиргин аба, кечир!» – деп,

Бакайдын башын таңышып, Карылары Көбөштү Тилдеп калды жабышып. Ошондо курган Абыке, Кан Бакайга какшады: – Арбак урган Көбөштү Анык Кудай урду го?! Армандуу дүйнө кантейин, Иш бузулуп калды го?! Абаке Бакай, сабыр кыл, Азапка мени салды го?!

Баш айрылса, жабылуу Бөрк ичинде калса экен! Арманым катуу, дартым зор, Көбөштөн күйүп, болдум кор! Энелеш болуп калганым – Маңдайымда калың шор! Тосуп чыгып Семеңди Абыке соолук сурашты. – Чымчыктай кезде айрылган, Чырагым, аман келдиңби? Чырпыктан өсүп жетилген, Чынарым, аман келдиңби? Эли-жерин сагынган, Жеңем аман жүрөбү? Кан байбиче Чыйырды – Энем аман жүрөбү? Кан Темирдин баласы – Кудам аман жүрөбү?

Букарга качып кеткениң – Көр Көбөштүн чатагы.

Менден кичүү түгөнгүр, Айтсам албайт тилимди.

Караңгы кылды күнүмдү!

Иттигин көрчү Көбөштүн, Жеңем менен касташты  Ургаачы менен басташты. Атпай кыргыз көп тууган,– Эл сеники Семетей! Керилип жаткан кең Талас Жер сеники Семетей!

Ысык-Көл, Нарын Чоң-Алай

Жалпы кыргыз тууганың,

Эл сеники Семетей! – Деп Абыке буркурап, Арманын айтты зыркырап.

Эр Семетей кеп салды, Кеп салганда деп салды:

– Абыке агам, айбың жок, Ыраазы болдум сөзүңө. Кимиңер ким экениң Көрүндү ачык көзүмө.

Элимди жайлап алайын, Жакшылык салтка салайын!

Капа болбо, абаке,

Семетей сенин маанайың! –

Семетей антип турганда,

«Аман болгун, жалгыз!» – деп, Абыке турду буркурап.

Чогулуп келген көп кыргыз, Эр Семетей балага

Батасын берди чуркурап.

* * *

Аны таштай салалы, Аяр энең Каныкей Андан кабар алалы.

Таласка кеткен баланы Ойлосо күйөт жүрөгү… Уйку качып жол карап, Уйпаланып түн өтпөйт.

Жыгыла жаздап ыргалып Жылга айланып күн өтпөйт.

Бир күнү чыгып мунарга,

Кайран энең Каныкей

Дүрбүнү салып караса,

Атасы Манас өңдөнүп

Асынганы ак келте,

Айдалыда жаркылдап, Астындагы Тайбуурул Келе жатат алкылдап…

Семетей эсен келгенде,

Таятасы Темиркан,

Тосуп алды сүйүнүп Сөз баштады күйүнүп:

– Желке көйкөл тон болбойт,

Жээн деген – эл болбойт, Эзелтеден дегендей, Эли бар киши кем болбойт. Көрөөр көз нур сулуудан

Коштото жүктөп кыз себин Колукту алып беремин!

Букардын кандай экенин Барганда кыргыз эл билсин.

Ардагым, алар колуктуң

Букарда жетпес болгон кыз,

Буруусуз сынга толгон кыз, Эр зайыбы болчу кыз, Эптүү, сулуу илегер!..

Алганга алтын белектей

Шаатемир кызы Чачыкей

Билсин десең, кулунум, Бир таканчык жери бар…

Жедигер ханы эр Толтой Кудалашып келгенде Шаатемир кызы Чачыкей: – Өлсөм да буга тийбейм деп, Тултуңдаган кеби бар.

Ызаланган эр Толтой

Кайрылып кайра келбеди,

«Алам» же «албайм» дебеди, Калыңын кыздын бербеди. Толтой келсе чыр баштап Катыра жообун беремин.

Шаатемир менен таятаң,

Ага-ини болот аталаш

Ашы бирге баталаш,– Деп, ошентип Темиркан

Ажырашаяк, үйлөнүү,

Экөөнө бир той кылды,

Молдолорун чакырып

Чачыкей менен Семеңдин Ак никесин кыйдырды. Чачыкейге берген сеп Он алты төөгө жүк болду.

Алтын, күмүш буюмдар Сандыктарга жык толду.

Калың килем жаптырды

Канча бир дүкөн буюмун Кайкалата арттырды. Жебилгиси жер чийип, Узатышты баатырды.

Чыйырдыга кудалар Жибек менен баркыттан Көйнөк, чапан кийгизди.

Кара кашка аргымак Каныкейге мингизди.

Көгүчкөндөй Чачыкей

Көк торгун көйнөк этегин

Көйкөлтө жерге тийгизип

Эрке келин Чачыкей,

Ичинен жымың сүйүнүп

Энчилеп берген атасы

Чийторуну мингизип,

Жол баштады Семетей,

Самаркан кыйгай кыдырып,

Колтугу Кокон, чоң Ташкент Койбой баарын сыдырып. Сыр-Дайра бойлой кечишти Таласты көздөй кетишти.

Кайнарга калың көч келип

Токтогонун көргөндө,

Өчкөн оту тамгандай,

Өксүгү толуп калгандай,

Калктын баары жабырап, Сүйүнгөндөн жан калбай, Жатып ичер чал калбай, Алдынан тосуп чыгышты.

Чыйырды менен көрүшүп,

Каныкей менен өбүшүп,

«Энебиз аман келди» деп, Эренден калган жетимдер

Эреркеп ыйлап чыркырап,

Чыйырды ыйлап чыңырып,

Бакайды баса жыгылып,

Каныкей ыйлап камсыгып,

Сүйүнгөндөн ыйлашып,

Кадырын салып сыйлашып,

Ый басылып, күлүшүп, Туш-тушунан ырчылар Жар салышты ырдашып.

Семетей келди дегенде, Абыке келди Көбөшкө.

– Семетей көчүп келди,– дейт,

Иттигиңди карматпа, Акмак болуп элирип,

Акылыңдан адашпа,

Жамандык албай оюңа,

Жакшылыкка жол башта, Чыйырды менен Канышка Учурашып келелик! Бул кепти айтып Көбөшкө Абыке барды Жакыпка: – Манастан калган жалгызың – Семетей көчүп келиптир. Таарынчың болсо кечиргин, Жазыгы жок жетимдин. Убалга, ата, калбагын,

Тумшугу жок киши элең, Тукумун үзүп салбагын! Айланайын атаке, Ойлогун Манас арбагын! Кан Жакып турду күпүлдөп, Баласын тилдеп дүпүлдөп:

– Абыке, сен оңбойсуң!

Акмактыгың койбойсуң!

Семетей элге келгенде,

Элирип мындан кеп чыгат, «Эл меники» деп чыгат. Калк ичинен кеп чыгат, «Калкты бийлейм» деп чыгат. Акылы чоркок Абыке,

Каласың көрдүн четинде. Журт айланат жетимге. Эки күн өтпөй эсирип, «Эл меники» – деп айтат. Энеси бетпак үйрөткөн, «Жер меники» – деп айтат.

«Жайылып жаткан сан кара, Мал меники» – деп айтат.

Манастын кунун алам,– деп

Коңурдан өчүм алам,– деп

Эр-жигиттин баарысын, Керек болсо карысын Зордуктап айдайт казатка! Кытайга барып кырылып, Кыргыздар калат азапка.

Мындайды далай көргөнбүз, Атасы Манас барында

Баатырдын баарын көмгөнбүз!

Көбөш балам, кайдасың?

Жетимдин тапкын айласын! Камындырбай барып кел, Айдап жолго салып кел!

Каршылык кылса Семетей, Жетимдин башын алып кел! Колуңда кандык турганда, Чаларыңды чалып кел!

Элирген эки канчыкты

Жетелеп мында алып кел! – Атасын угуп кан Көбөш Жамандыкты баштады. Семетейдин айлына Чабуул коюп таштады.

Манастын уулу Семетей Каршы чыкты Көбөшкө.

«Ата сендей болбойт го, Айлыбыз жакын конбойт го?

Жанымды тирүү койбойт го?! Аянамын несин?» – деп. Манастын уулу Семетей

Сырнайзаны булгалап,

Тайторуну минди дейт,

Качырып эми кирди дейт,

Кара жандан түңүлтүп

Аттан сайып түшүрдү

Көр Көбөштү бүгүлтүп,

Кармап алды качырбай, Абыкени карматты.

Экөөнү тең байлатып

Орго салып каматты.

Байдын уулу эр Бакай

Жетелеп келип Жакыпты Абыке менен Көбөштүн Үстүнө салып жайлатты.

Эл чогулуп келгенде

Акылман Бакай кеп айтты, – Жакып болсо жайланды, Көбөштүн жолу байланды.

Айласы кеткен Абыке

Ак-карасы билинбей,

Карага иши айланды, Манастын уулу Семетей Кайрылып келди Таласка.

Акылман болсо, баатырлар, Бийликти мындан талашпа! Жакып кан менен Көбөшкө Жакын барып жанашпа!

Манастан калган кырк чоро,

Башчы болгон Кыргыл чал,

Манастан калган баатырга

Чоро болуп алгыла, Душман келсе Таласка Кыйратып жолго салгыла! Обу жок бийлик талашып Жамандыкка барбайлы!

Биригишип кайрадан

Кыргыздын жерин сактайлы! – Угуп турган калың эл Бакайдын сөзүн жаратты. Алкышын айтып кан Бакай Чогулган элди таратты.

 

ЧОРОЛОРДУН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ

Тазбаймат айтты такылдап Кырк чорого бакылдап:

– Эй, чоролор, чоролор!

Канткенде ишиң оңолор? Семетейге уялбай Кантип жакын барабыз? Кыргылчал кылган иши үчүн Балакетке калабыз!

Каныкейди какшаткан, Элден-журттан кубалап, Эркенин маңын бастаткан. Семетей менен Бакайда – Ойной турган доо болбойт.

Кырк чоронун биринин Кара башы соо болбойт.

Балакетти кылбайбы, Кытайдан өчүм алам деп, Семетей бизди кырбайбы!

Кыргындан аман калалы,

Ажалдан мурда тирүүлөй, Ооганга кетип калалы! «Байматтын сөзү» туура деп, Чоронун жашы, карысы. Бардыгы качты Ооганга Түн жамынып, баарысы.

Бир күн өтүп кеткенде,

Чоролордун кабары

Бардыгына жеткенде Капа болду Семетей:

«Кара мүртөс чорого, Качан кылдым зордукту?! «Ай» деп койгон жерим жок, Жаман айткан кебим жок.

Чоролор менден жатыркап, Коркуп качар эби жок». Качкандарды кубалап,

Жөнөп калды Семетей Жоболоңдуу жорукка Карызы бар немедей…

* * *

Муну мындай таштайлы, Жапа чеккен Каныштын Жоругунан баштайлы: «Көбөштү көргө киргизип, Дүйнөдөн көзүн жойгула!

Кырк чоро качып кеткен соң,

Арамдарды бул жерден

Тындым кылып койгула!»,–

Колундагы жасоолдор

Буйрукту эки кылбастан, Жакыпты жайлап таштады.

Көбөштү ордон чыгарып, Абыкени алдырып, Каныкей сөздү баштады. – Капа болбо атаңа, Кайгырбагын агаңа!

Кыянат болсо, бир тууган Кылмышын тартат ар качан. Аман койдук, Абыке, Ниетиңдин агынан! Абыке анда кеп айтат, Өзүнө макул эп айтат:

  • Ак да болсом, башыма Азаттык сурап албаймын!

Атам өлүп, мен калып,

Агам өлүп сандалып, Калк ичинде уялбай

Кантип жүрөм жан багып?!

Чыйырды турду чаңырып,

Карт жолборстой чамынып,

  • Кара жолтой кан Жакып

Мен касташкан кара жоо, Жакыптын эки күчүгү – Абыке, Көбөш – мага жоо. Абыке кулду сойгула!

Жезит чалдын тукумун

Бир жолу үзүп койгула! – Каныкейди ээ кылбай, Чыйырды чырды баштады. Абыкени актабай, Аны да жайлап таштады.

* * *

Куугунга кеткен Семетей

Кара-Колдун башында,

Жалпак-Таштын кашында Чорого жетип кеп айтты: – Кылайган менин өзүмдө Кине барбы? – деп айтты.

Чоролор токтой тургула!

Чогулуп кеңеш кургула! Менден айып иш өтсө, Кечирип сабыр кылгыла! Кечээ келдим калкыма, Атпай кыргыз жалпыңа.

Калыстыктан кеттимби?

Айып кетсе өзүмдөн, Айланайын чоролор, Кечиргиле жетимди!

Аңдып жүргөн жоолор көп,

Жалаа менен доолор көп, Силер минтсең, чоролор, Эл ичинен эп кетет!

Бөлүнүптүр кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет!

Кан жыттанган Коңурбай Көп кытайын ээрчитип, Жерибизди тепсетет!

Кыргыз атын өчүрүп, Алда кимдер жеп кетет!

Кагылайын чоролор,

Атым тартуу, силерге

Башым тартуу, силерге,

Деп, жалынды Семетей – Семетей келсе жакындап.

Аянбай, чоро, киргин! – деп,

Кыйкырды Кыргыл бакылдап…

Антташып алган чоролор,

Жалгыз келген Семеңди

Тегеректеп жаа тартты, Тытып кетчү немедей, Найзаларын сунушту. – Таласка кеткин кайра! – деп Бакырып Кыргыл урушту.

Тайбуурулдун соорусун

Суу төккөндөй кандашып,

Чындап кирген кезинде

Бала жолборс Семетей,

Көп каргага бир шумкар

Жалгыз тийген эмедей, Оң жагынан келгенин Ойрон кыла баштады.

Сол жагынан келгенин Солдойто чаап таштады.

Тегиз кыргын болгончо,

Антка бекем чоролор, Жан оозунан кеткиче, Жан соогалап качпады… Эрегишкен Семетей Баарын кырып таштады.

«Кандай иш кылып койдум,– деп, Кырк чорону кырдым!» – деп, Семетей кирди арманга.

«Өздөн чыккан өрт жаман,

Өздөн чыккан жат жаман»,–

Деп, ошентип, Семетей

Кочкордун калкын жыйдырып,

Кол алдына сыйдырып,

Жердин бетин ачтырып,

Көрүн терең каздырып,

Кара жерди ойдуруп,

Ашын мыктап сойдуруп,

Келген элдин баарысын

Этке-майга тойдуруп,

Кырк чоронун бейитин

Кыркалата койдуруп,

Кызматы өткөн Манаска,

Кырк чоронун жоругун

Уруулуу журтту сындатып,

Ар бирөөнүн эрдигин

Жомокчуга ырдатып,

Атактуу уста алдыртты,

Ак күлбото чалдыртты,

Кырк чорого кырк күмбөз Кыялдатып салдыртты.

* * *

Манастын уулу Семетей Кырк чоронун артынан Кочкорго кууп барганда.

Салгылашып кан төгүп,

Кыркын тең кырып салганда, Чоролордун көчүнөн Эки жигит тааптыр. Экөөнү атка мингизип, Каныкейге барыптыр.

Балдарды көрүп энеси

Семетейге айтыптыр: – Биринин аты Күлчоро, Биринин аты Канчоро. Күлчоронун атасы

Кан Алманбет арыстан, Жанындагы Канчоро Эр Чубактын баласы. Эки бала эки эрден Артында калган туягы. Эки баатыр жаратып, Жагып кеткен чырагы. Чубак менен Алманбет

Казаттан каза тапканда,

Атакең Манас – береним

Кечирим сурап, буркурап

Таласка жалгыз кайтканда, Сен жалгызым Семетей Алты айлык бала болчусуң. Калыйча менен Арууке

Толготуп калды бир күнү, Эр Чубактын Калыйча Уул төрөдү бир түнү. Алманбеттин баласы Аш-кайнам артта туулду.

Калыйча менен Арууке Экөөнүн тең көздөрү Төрөтүнөн жумулду.

Душмандардан жашырып,

Балдарды өзүм алгамын, Коколой эки жетимге

Эмчегимди салгамын. Күлчоро эмген эмчектен Аппак сүтүм чуурган.

Канчоро эмген эмчектен

Тамчылап кан куюлган.

Эч кимге муну айтпадым,

Үчөөңдү тең эмизип

Өзүм койдум аттарын.

Бирөөнүн атын «Күл» – дедим Бирөөнүн атын «Кан» – дедим.

Эмчектен чыккан сүт, канга Жараша атын тергедим.

Букарга качып кетээрде

Жашыруун барып балдарды

Чоролорго тапшырдым, Андан кийин не болду Билбедим балдар тагдырын.

Манастын уулу Семетей

Эки жетим балага

Той берем деп жар салды,

Канчоро менен Күлчоро «Инилерим» – деп калды. Эмчектеш эки досуна

Тон тиктирип кийгизди, Колуна найза карматып

Ат жакшысын мингизди.

 

СЕМЕТЕЙ МЕНЕН ЧЫНКОЖОНУН ЧАТАГЫ

Жуманын кадыр түнүндө,

Семетейдин ордодо,

Абасы Бакай кары бар,

Үч-Кошойдун боюнда

Аргын каны Сары бар,

Акыл табар дагы бар, Ак жоолуктан олуя – Каныкей бейбак дагы бар.

Эштектердин Жамгырчы Акылман кандын баары бар.

Кырк калчасын ээрчитип,

Манастан калган мураапы, Ободон жылдыз козголгон,

Дөөтү менен дос болгон, Бөлөкбай уста дагы бар.

Манастын уулу Семетей Айта турган кеби бар: – Кабар албай кытайдан, Карап турган оңобу?!

Бекзааданын жалгызы, Бейкапар жаткан болобу?!

Жети күндүн бири өлүм, Өлүмдөн корккон оңобу?!

Баашалуу кытай, кака журт Кармашпасак болобу?

Бээжинге барып кытайдан Атамдын кунун аламын!

Кан Коңурбай баатырга Калайманды саламын!

Бир атам эмес, андан мен Кырк атам өчүн аламын!

Укканда муну кан Бакай

Бушайман болду бир далай.

Атасын тарткан Семетей Көздөгөнгө жетмейин Тынбайт экен, капырай!

  • Кытайга каршы турууга, Күчүбүз жетпейт, балдарым!

Биригишип кайрадан

Бириккен кандык курмайын! – Деп ошондо эр Бакай Кеңешин салды ортого:

  • Шыгайдын уулу Чынкожо

Кебез тоону жердеген Келберсиген эр деген.

Белге таңуу бел ошол.

Кытай менен кармашсак Карсылдашып салышсак Кайрат кылар эр ошол.

Туу түбүнө туруучу,

Душманга каршы туруучу, Кайратты мыктап кылуучу, Белге таңуу бел ошол!

Сары-Колду жердеген,

Атагы нойгут эл деген,

Шыгайдын уулу Чынкожо

Буйругу менен Кудайдын

Кашкар жакта калыптыр, Эл-журтуна кан болуп Бийликти колго алыптыр.

Бирдикке келсе Чынкожо,

Кең-Кол бойлой ал консо,

Таласты бойлой биз консок,

Туугандашып бир болсок,

Кыргызга душман келе албайт, Коңурбай каршы туралбайт.

– Андай болсо, абаке!

Алты күлүк ат тартып.

Аянбай дүйнө бат тартып, Чынкожого барып кел,

Макул болсо тууганың,

Журту менен көчүрүп, Өз жерине алып кел! – Деп сүйүндү Семетей Агасын тапкан эмедей.

Шыгайдын уулу Кожого

Алты күлүк ат кошуп,

Алакандай кат берди, Канчоро менен Гүлүстү, Бакайга кошуп жиберди.

Тоо башылап сыдырып,

Жердин үстүн кыдырып,

Адыр-адыр жер басып,

Адырмак ала бел басып,

Баатыр Бакай кабылан

Туура тарткан кыр менен,

Тунук булак суу менен

Масейилди ашыптыр,

Кең Кашкарды басыптыр,

Чоң Котонду жакалап,

Тулпарларды такалап, Кебез-Тоого барыптыр.

Шыгайдын уулу Чынкожо Кебез-Тоону жердеген, Келберсиген эр экен. Төрө Бакай карыя,

Эченди көргөн олуя

Жолду баштап киргени,

Жолборс сындуу Кожого Салам айтып ийгени:

– Адыр элек кыялаш,

Аманбы, Кожо, кулунум? Аркагым бирге уялаш.

Терең го сенин арманың, Нойгутка кетип калганың.

Төрө Манас султаның Кыямат көздөй кеткенде Топурак келип салбадың. Калк чогулуп көмгөндө Абакелеп турбадың.

Дүйнөдөн Манас өткөндө,

Каралуу катын Каныкей Жетилип калган Семетей, Букарада чоңоюп.

Кайрылып келди элине, Киндик кан аккан жерине.

Чынкожо балам, тилимди ал, Кайра көчкүн Таласка,

Кайгырып баргын Манаска. Күрдөөңдү тапчу жер ошол.

Күтүп алчу эр ошол, Кара курттай каапырга, Кан Коңурбай баатырга.

Казатты мыктап кылууга, Бейпайды катуу салууга Береним сага жиберди.

Жанымдагы эки шер – Душмандан коркпос кеменгер.

Күмүштөн кемер курчанган,

Күндөй бетин нур чалган, Күлүңдөгөн бул жигит Алманбеттин баласы.

Орто бойлуу, кең далы

Тоюна токсон союлган, Канчоро аты коюлган, Эр Чубактын баласы.

Кадырлаш тууган сен элең, Кадырың билген мен элем…

Келгендин жайын билип ал, Көкжалым Кожом, тилимди ал!

Шыгайдын уулу Чынкожо,

Агын суудай күпүлдөп,

Чапкан аттай дүпүлдөп, Каарданып күүлөндү,

Келгендерге сүйлөндү:

– Угуп кой, Бакай абаке! Бу сөзүңдү албаймын Таласка көчүп барбаймын! Өз каны бар Таласты Кантип барып жайлаймын? Таласың артык жер бекен?

Семетей менден эр бекен?! –

Алманбет качып кытайдан Маанайын тапкан кыргыздан.

Көкөтөйдүн ашында

Алманбет болуп башында, Кууланып ат чабышта Кытайдын баарын алдаган. Аккуланы сүрөтүп, Кандуу чатак баштаган.

Нааразы болгон алты кан

Манаска каршы чыкканда,

Атакең сенин Алманбет

Манаска акыл үйрөтүп,

Кандарга каршы сүйлөтүп Чоң казатка айдаган!

Бээжинге барып өзү өлүп, Кыргыздын баарын жайлаган.

Таласка кайтып эр Манас, Кечирим сурап элинен Ботодой боздоп ыйлаган! Эсирген уулу Семетей Кытайга кайра барабы?

Коңурбай менен кагышып Кайрадан түйшүк салабы?!

Кыргызды кырып алабы?! –

Көкөтөйдүн ашында,

Кайгылуу казат башында

Атакең сенин турган деп

Күнөөнүн баарын Чынкожо Алманбетке артканда,

Ызаланып Күлчоро

Кара жаак камчысын

Кармай калып имерди, Бакырган Чынкожону Төбөгө тартып жиберди.

Төбөгө камчы тийгенде

Эсинен кетип Чынкожо Отуруп калды оңшоюп, Тонолгон нардай шоңшоюп. – Эсине Кожо келгенче

Чыккыла! – деп бакырып, Чоролорду эр Бакай Жетелеп чыкты шаштырып.

Жайлоону көздөй жөнөштү

Тулпарларын чаптырып,

Чынкожонун жылкысын

Жайытынан көргөндө

Күлчоро менен Канчоро

Үйүрдү көздөй бет алып

Ач кыйкырык, чуу салып,

Добулбасын каккылап,

Алмак-салмак аткылап

Нойгуттардын жылкысын Алдыга айдап алышты, Таласка жол салышты.

* * *

Эсине келген Чынкожо

Өлөмүн деп өлө албай

Каарданып чыкканда,

Байлоодогу кара аттын

Кутурган кул Күлчоро Кулагын кесип алыптыр, Ногойдун энин салыптыр.

Жайытка келсе жылкы жок, Жайыты  бош калыптыр,

Олжону Кудай бериптир,

Бирин койбой жылкысын Түгөл айдап кетиптир.

«Атасын кытай өлтүргөн

Жедигердин эр Толтой

Ошого кирип барайын,

Жер майышкан сан колун Өзүмө кошуп алайын.

Букарга барып Семетей Эр Толтойдун зайыбы Чачыкейди алыптыр. Сүйгөнүн Толтой алдырып, Ызаланып калыптыр.

Толтойду Кудай урабы,

Козголоң салып көтөрсөм,

Намысы болсо эр Толтой

Салгылашпай турабы,

Тирүүсүндө кан Манас

Оогандын каны Акунга

Кудалашкан жери бар,

Акундун кызы Чүрөктүн Семетей деген эри бар. Нике тою болгончо

Ооганга кирип барайын,

Кызыңды мага бергин деп Каран күндү салайын.

Кудалашкан зайыбын

Катын кылып алайын,

Семетейди со¸юн,

Күлчоро деген наадандын Эки көзүн о¸юн!

Беренсиген жетимди Кулдары менен кырайын.

Таш коргонун талкалап,

Таласты чаап алайын,

Манастын уулу качкындан Ушинтип өчүм алайын»,–

Деп ойлонуп Чынкожо

Ызалуу жүргөн Толтойго Камынып барып кеп салды: – Семетейден кек алсаң,

Акун кан деген кайны бар, Ала турган ошондон Айчүрөк деген зайбы бар. Атасы Манас антташып Кудалашкан жайы бар.

Кошуунду кошуп барабыз,

Акун кан шаарын чабабыз, Айдай болгон Чүрөктү Ашкере тартып алабыз. Чачыкейди тарттырган Өчүңдү сенин алабыз!

Акун кан кызын бербесе Ооганга кыргын салабыз!

* * *

Ката тилин кайраган

Кан алдында тайбаган

Чынкожонун элчиси Акун канга барды эми, Божурап сөзүн салды эми:

– Жедигердин Толтойу

Жети түмөн кол менен,

Шыгайдын уулу Чынкожо

Алты түмөн кол менен

Келе жатат Ооганга,

«Айдай кызын Акун кан Аялдыкка берсин», дейт.

«Айчүрөктү бербесе.

Чабышаар жерге келсин», дейт.

Элчини угуп Акун кан Ачууланды абыдан: – Айдай болгон кызымдын Кудалашкан жери бар. Эр Манастын баласы Семетей деген эри бар.

Айтып баргын каныңа,

Бермек тургай кызымды,

Жолобосун жаныма! – Бул кабарды уккан соң,

Шыгайдын уулу Чынкожо

Тууну берип Толтойго,

Акун кандын шаарына Чабуул коюп калды эми. Акун кандын аскери Астынан тосуп барды эми.

Каңгырап найза кагышып,

Как жүрөккө малышып

Айбалта тийип чекеге, Алда канча жигиттер Өлүп жатты жекеде.

Кожоңдогон Чынкожо

Дүмөктү мыктап салды эми, Акундун шаарын айлана, Камап жатып калды эми… Акункандын Айчүрөк Атасына келди эми:

– Олжо катын болгончо,

Минтип кордук көргөнчө, Эр Семетей баатырды Издеп келем өлгөнчө.

Семетей анык эр болсо,

Толтойдон мени куткарар,

Айыгышкан душмандан,

Салгылашып өч алар! – Деп, ошентип Айчүрөк,

Акылы жандан табылып,

Ак куу кебин жамынып, Канатын күнгө каккылап,

Куйругун кумга чапкылап, Асманга учту сыдырып, Ай ааламды кыдырып. Чет Бээжиндин оюнда,

Жекендүү көлдүн боюнда,

Сары ала жылкы сандан көп,

Сур жылкысы андан көп,

Коңурбайдын көп жылкы Жаткан экен жер жайнап, Жашылданган төр жайлап.

Алгара минип койкоюп,

Чоң өтүк бутта чойкоюп,

Алтындан топчу чоң күрмө

Айдалыда жаркылдап,

Алдындагы Алгара

Алчыланып шартылдап, Аркасында айдары

Аргымактын жалындай, Каардуу кытай башы бар, Калпакта шуру ташы бар. Муруту буурул болуптур, Далай жашка толуптур. Муну көрүп Айчүрөк, Андан ары учту эми.

Чоң-Ополдун оюнда,

Сары-Көлдүн боюнда

Буудайык кандын Музбурчак

Сакалы бар бир кучак, «Сакалынын агы экен, Сапар кетер чагы экен.

Жалдуу кара шер экен!

Кармашкандан кайтпаган,

Бир кезде жигит эр экен!»

Деп, ойлонуп, Айчүрөк

Алайды басып сыдырып,

Анжыян менен Ташкенди Аралап учуп кыдырып,

Кара-Буура, Чаткалдан

Кайра айланып чыкты эле,

Кең-Колдун маңдай жагында, Айга баккан ак сарай Абыдан көрүп алды эми. Асмандагы Айчүрөк «Издеп келген Семеңди Таптым го?!» деп калды эми.

Кайнатам Манас баатырдын

Үстүнөн учуп өтпөйүн,

Арбагына чет болуп,

Арам болуп кетпейин!» –

Деп, ошентип, Айчүрөк Ала-Тоо башын айланып, Ар жагы менен учту дейт. Алмалуу-Булак, Шумкар-Таш Ашып учуп түштү дейт. Боз секиге Айчүрөк Жетип барып конду, дейт. Аккуу кебин чечинип, Анык адам болду, дейт.

Ал аңгыча болбоду,

Эрке катын Чачыкей

Ордодон чыкты маңкайып,

Ак кулжадай даңкайып,

Наакери бутта тайпайып, Элечек башта кайкайып.

Алтындан кылган чоң сөйкө

Акыректе жаркылдап,

Шурудан тизген чач мончок

Аркасында шаркылдап, Басып чыкты Чачыкей, Ак булуттай калкылдап.

«Эр Семетей баатырдын

Никелүү зайбы ушудур, Ургаачынын узудур.

Арзы-муңум айтайын,

Акылдашып кайтайын»,–

Деп ойлонуп Айчүрөк

Арка чачын булайтып,

Ак тамагын кылайтып, Татынакай кыз болуп, Басып барды муну айтып: – Сары алтындай эжеке, Соо-саламат барсыңбы? Эжеке, жаным угуп кой, Айта турган дартымды:

Шыгайдын уулу Чынкожо

Толтой менен дос болуп

Шаарымды басып камады, Эл-журтумду талады. Кудалашкан Чүрөгүн Кан Семетей алабы?

Толтойго берип салабы? «Күнүлөш болуп калат» деп, Көңүлүңө албагын!

Атап туруп ант берем, Атабыз Манас арбагын! Өрүдө үйүң оңдоюн,

Көчкөндө төөң комдоюн, Жалган айтсам оңбоюн!

Күңүңдөй кызмат кылайын,

Эр Семетей каныңдын

Байбичеси сен болсоң,

Токолу болуп калайын! –

Деген кезде Чачыкей

Чочуп кетти солк этип, Чочугандан жүрөгү, Чыга жаздап болк этип: – Шайтан урган карабет, Шакылдабай ары кет!

Кайдан келген долусуң,

Кандай жандын шорусуң?

Сага окшогон чор таман Чачыкейге тең эмес! Айтканыңды кылгандай, Арачы кишиң мен эмес. Баатырдын уулу Семетей Сени алуучу шер эмес.

Долуланып, какылдап

Бул айтканың кеп эмес! –

Деп кыйкырды Чачыкей.

– Айланайын эжекей,

Чынкожо, Толтой деген жоо,

Семетей менен кас экен, Камсыз жаткан төрөңө Кара боору таш экен.

«Акундун кызын алам,– дейт,

Семетейге барам,– дейт,– Таласты камап алам»,– дейт,

Мага эже сен болсоң,

Сага сиңди  болоюн, Тамаша менен таң атсын, Күлкү менен күн батсын! Алты күнү саа жатсын, Акыркы күнү маа жатсын!

Жети күнү саа жатсын,

Жетпеген күнү маа жатсын,

Көчкөндө төөнү айдайын,

Өрүүдө бээни байлайын,

Кололуу кумган колго алып,

Кол жуугучуң болоюн,

Бедерлүү кумган колго алып,

Бет жуугучуң болоюн! –

Деген кезде Айчүрөк

Жин уруп кеткен эмедей, Долуланды Чачыкей:

  • Чачыңды кесип албасам,

Күң кылып ишке салбасам,

Таманыңды тилбесем,

Эшек кылып минбесем,

Чачыкей болбой өлөйүн, Туубай туна чөгөйүн!

Укканда муну Айчүрөк

Жүрөгү чыгып кабынан Ачуусу келди абыдан:

  • Билип кой анда, Чачыкей, Баатырдын уулу Семетей Талаага чыкса, меники!

Үйдө калса, сеники!

Мергенге эртең барганда,

Акшумкарын салганда,

Ак була болуп бурулуп,

Алты түрдүү кубулуп,

Үч көрүнүп көзүнө,

Сыр көрсөтүп өзүнө, Жолго жатып каламын, Шумкарын колдон аламын.

Андан айла болбосо,

Ак балык болуп кылтылдайм,

Алтындай болуп жылтылдайм,

«Балык» деп басып алганда,

Канжыгага чалганда,

Колундагы шумкарын

Кармап алып качамын, Элине бүлүк саламын!

Андан айла болбосо,

Аккуу болуп аламын,

Башымды көлгө саламын,

«Куу» деп кушун салганда,

Эптеп кармап аламын, Семетейди ээрчитип, Элиме качып барамын! Өзүңө тиет карабет, Өзүңө кылган далбасаң! Ушул ишти кылбасам,

Туубай туна чөгөйүн,

Айчүрөк болбой өлөйүн!

Жети-Сууда жердеген

Эл меники, Чачыкей! –

Жер бетинде көйкөлгөн Көл меники, Чачыкей!

Манастын уулу Семетей –

Эр меники, Чачыкей! –

Деп, ошентип, Айчүрөк

Асманга учуп калды, дейт, Куюн шамал салды, дейт.

Караса көзгө илинбей, Кай кеткени билинбей, Көздөн кайым болду, дейт…

* * *

Ошол кезде Семетей

Тайбуурулдай күлүккө

Жолборстон үртүк жаптырып, Жибектен кежи тактырып, Баса токуп алды, дейт.

Куймалуу алтын үзөңгү Теппей ыргып минди, дейт.

Шаатемир кызы Чачыкей

Акырын басып шаңкылдап,

Айнектей көзү жаркылдап,

Алтындан кылган чач мончок,

Аркасында шаркылдап,

Төрөсүн кармап тизгинден, Анткорлонуп кеп айтат:

  • Токточу, төрөм! – деп айтат,–Бүгүнкү күнү шейшемби, Сапар кылар күн эмес. Акшумкарды колго алып, Сыртка чыгар күн эмес. Эрдигиң бар, эсиң жок,

Эчтеме менен ишиң жок.

Эки бала эрмегиң,

Жаныңда башка кишиң жок. Үч күн туруп аттангын,

Үч күндөн кийин ишим жок! –

Деген кезде Семетей

Ант ичкендей саргайып, Ачуусу келди арбайып:

  • Кан кармабас тизгинди,

Карабет долу, кармадың, Жан батпаган жанымды Кара жиндей арбадың!

Ко¸ бер, долу, тизгинди,

Келтирбе менин жинимди,

Сүйлөшөбүз келгенде! – Каарданып Семетей Жүрүп кетти мергенге. Теңирсинген Чачыкей Күлчорону чакырды:

  • Кагылайын Күлүсүм,

Кабак ачат күлүшүң,

Бура тургун атыңды, Сага айтамын датымды:

Жолуңардан үч түркүн

Сыр көрүнөт көзүңө,

Зыян тийип жүрбөсүн, Ишенем, Күлүс, өзүңө!

Акбула жатса, албагын,

Акчабак көрсөң барбагын, Аккууга кушту салбагын! Бул үчөөнүн биринен Азапка башың салбагын! Жеңендин айткан бул сөзүн Унутуп кокус калбагын!

Ушул ишти сен кылсаң,

Эне-атасы барктуудан,

Өзү назик нарктуудан,

Кытаттай кара чачтуудан, Калемдей кара каштуудан,

Айткан сөзү наздуудан,

Мурду порум мистедей,

Эти аппак чүчтөдөй,

Колу асыл күмүштөй,

Тиши аппак күрүчтөй

Сулуудан тандап келемин,

Бир күнкү кылган ишиңе

Ушундай тартуу беремин!  – Анда Күлүс кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты:

– Ой, жеңеке, ишенгин, Эркелигим эп болбос,

Абакем укчу кеп болбос Акбуланы алгызбайм, Ак балыкка баргызбайм!

Актайлактай аккууга

Акшумкарды салгызбайм! –

Деп, ошентип, шарт коюп, Жүрүп кетти Күлчоро, Шек алдырбай койкоюп.

* * *

Ошол кезде Чүрөгүң,

Болкулдатып жүрөгүн, Акмалап учуп калды, дейт, Бардыгын сынап алды, дейт. «Эр Семетей баатырың Айтканындай бар экен!

Кара көздөн нур жанган,

Кармагандан кан тамган,

Чоңдугу төөнүн нарындай,

Толкуну көлдүн шарындай,

Ысыгы күйгөн жалындай,

Маңдайына карасаң,

Кара кашка тынардай, Тулку боюн карасаң,

Сайга чыккан чынардай,

Жорго минип шартылдап, Жүрөр күнүм бар бекен?! Эр Семетей баатырга Тиер күнүм бар бекен?! Дөгүрсүгөн Толтойду Чабар күнүм бар бекен?!».

Деп, ошентип Айчүрөк

Акмалап жүрдү асмандан, Барган сайын суктанды Төрөсүн көрүп шашкандан.

* * *

Алманбеттин Күлчоро

Жоого кирсе – миң чоро,

Жекендүү көлдүн оюнда,

Семетейге жакындап, Кирип келген кезинде, Семетей туруп кеп айтат:

  • Күйдүргү чунак,– деп айтат,–Бул жерге кербен жетиптир, Түн катып өтүп кетиптир. Түн катып өткөн кербендер Түштүк жерге жетиптир. Буласы жатат бурулуп, Эчен түркүн кубулуп.

Далай мүлкү калган го, Шашкандардан куюлуп. Атындан түшүп ала көр, Ак куржунга сала көр!

Күлчоро анда кеп айтат,

  • Ой, абаке,– деп айтат,–

Талаада жаткан буланы Уялбай кантип алайын, Жоктон тапкан эмедей,

Куржунга кантип салайын?!

Керек болсо ак була,

Анжыянга барайын,

Алтымыштай жорго алып,

Ак була сатып алайын! –

Деген кезде эр Семең,

Сөзгө элпек эр немең,

«Эмесе чунак мейлиң» деп,

Акшумкарды алды, дейт, Томогосун шыпырып, Таманга кагып калды, дейт.

Түрөгөй өрдөк, бала каз,

Туура салып илдирип,

Канжыгасын кан кылып,

Каз, өрдөккө билдирип,

Кара-Суунун көлчүктөн

Туура кечип өтөрдө,

Агын суудан шаркылдап,

Алтын балык жалтылдап,

Аярдыгын билгизип,

Аябай ичти күйгүзүп,

Ыргып түшүп шартылдап,

Ылайга жукпай жаркылдап,

Суудан чыгып жылтылдап,

Сууга кирип кылкылдап,

Ойноп жаткан балыкка Семетейдин жүрөгү Туйлап кетти зырпылдап.

– Күйдүргү Күлүс, карачы,

Күмүштөй болгон балыкты Угуп-көргөн эмесмин, Балыктан мындай жарыкты.

«Алтын» десем, күмүштөй,

Кабыгы аппак күрүчтөй,

«Күмүш» десем алтындай,

Көрүнөт көзгө жаркылдай, Ушуну кармап алалык,

Кайнарга кайтып баралык, Атамдан калган көлчүккө Ак балыкты салалык!

Тамаша кылып жүрөлүк,

Таң каларлык түбөлүк! –

Деп, ошентип, Семетей

Буурулдун башын бурду эми, Буйрук кылып турду эми.

Бала жолборс Күлчоро,

Жоого чыкса миң чоро,

– Абаке, балык кайда? – деп,–

Алсак балык,– пайда деп,

Көрбөгөнсүп жалтактап,

Кара сууну баткактап,

Аябай сөөгүн кыйратып,

Айчүрөктү ыйлатып,

«Көрбөй калды көзүм – дейт,– Чындап аба, уялып, Чыга жазды эсим» дейт.

«Билбедим» деп чамасын, Күлүмсүрөп Күлчоро Жайкап койду абасын.

«Болуптур эми, чунак» деп,

Асманга шилтеп шумкарын,

Атырылтып тулпарын,

Кербездигин билдирип,

Кечке өрдөк илдирип,

Тамашага батканда,

Талыкшып кайра тартканда,

Кечки салкын бешимде,

Кете турган кезинде,

Балырлуу көлдүн оюнда,

Баатырдын жүргөн жолунда, Удургуп агып суу турат, Кукулдап аппак куу турат.

Муну көрүп Семетей,

Бура тартып тулпарын,

Күлчорону жумшады, «Агыткын!» деп шумкарды.

Күлчоро анда кеп айтат, Күйдүргү сөздү эми айтат: – Айланайын абаке!

Канаты менен жер сабайт,

Карып калган куу белем, Далай жашка жабыркап,

Барып калган куу белем.

Куйругу менен кум сабайт, Уя басып уча албайт, Туруп калган куу белем.

Алдырып койсок шумкарга,

Жетим калар балдары,

Жетимдикти көрдүк го, Жаман экен салмагы! Салбаймын, аба, шумкарды, Зая болор жандары!

Убалы бизди уктатпас, Энесиз калса балдары!

Куу да куштун асылы, Тукумун үзүп койбойлу! Асылга асыл катылса, Башыңа кесир болбойлу? Убалына калбайлы,

Акшумкарды салбайлы!. –

Семетей анда кеп айтат, Ачуусу келип бек айтат: – Күлүмсүрөп сүйлөгөн, Күйдүргү чунак, оңбойсуң! Карып калган бул ак куу Кудайыңдын кутубу?

Кайдан тийсин кесири!

Оң кылган ишиң ушубу? –

Деп, ошентип Семетей

Сары жибек узун боо,

Үзүп алды колунан,

Кесепеттүү куу туяк,

«Келер – деп,– ишим оңунан», Кууга салып шумкарын, Карап калды соңунан. Жанындагы Күлчоро,

Телкүрөңгө камчы уруп,

Оңдоп-солдоп каршы уруп,

Акшумкарга жеткенче Кууну Кудай уруптур, Тамандап өөдө туруптур.

Чагарактуу алтын боо,

Жыя кармап алыптыр,

Чыркыратып шумкарды

Бооруна басып алыптыр.

Эргий-эргий чалкактап,

Ак канаты калкактап, Көтөрүлүп алыптыр, Асмандап жолго салыптыр…

Күндү жайлап туңдуруп,

Борошо жамгыр урдуруп,

Бөксөгө мөндүр жаадырып,

Жакага жамгыр куйдуруп,

Борошо жамгыр, муздуу кар,

Боройлотуп урдуруп,

Айлананын баарысын Куюн, шамал алды, дейт.

«Акылы болсо билди,– деп,– Акшумкар колго тийди!» деп,

Ак канатын сабалап,

Ак туман менен аралап,

Куюн, шамал, эпкиндей,

Телкүрөңгө жеткирбей,

Караса көзгө илинбей,

Кай кеткени билинбей,

Дареги чыкпай жок болду,

Дал болуп чоро токтолду,

Күйбөгөн жери күл болуп, Түтүнү жок чок болду.

 

АКШУМКАРДЫН ДАЙЫНЫ

Бечара Күлчоронун

Көңүлү санга бөлүнүп,

Көзүнөн жашы төгүлүп,

«Эмне болуп кетти,– деп,–

Шер абамдын колунан

Эми ажалым жетти» деп, Семетейге кеп айтты: – Айланайын абаке,

Адам көргүс иш болду, Аккуу болуп көрүнгөн, Алда кандай күч болду!

Желип жүргөн желденби? Билбей калдым, абаке, Эмне болуп кеткенин. Ат аябай чапсам да

Аппак кууга алдырып, Кайда учуп кеткенин!

– Күйдүргү чунак Күлчоро,

Ак була көрдүм, албадың,

Балыкты көрдүм, баспадың

«Аккууга кушуң салба» деп, Шектүү сөздөн баштадың! Акшумкар колдон кеткени – Ажалыңдын жеткени!

Эртең менен жеңеңдин Башкача болгон кылыгы. Айланайын Күлчором, Ал катындын чырыбы?!

Айтпай койсо себебин,

Чачын кыркып кескин де, Шаатемирдин колуна

Эртеңден калбай кетсин де!

Эки чоро жарышып,

Үзөңгүсү кагышып,

Чачыкейге барышып, Күрүлдөдү Күлчоро:

– Ак була болсо алба,– деп,– Аккууга кушуң салба,– деп,–

Ак балыкка кызыгып,

Азапка анык калба»,– деп,

Аныктап мага тапшырдың! Ак кууга кушум салганда Акшумкарды алдырдым.

Кадырманым, жеңеке, Аябагын чыныңды, Айтып бергин сырыңды!

Ак була болуп жаткан ким? Алтын балык болгонсуп, Аярдыкты каткан ким? Суу үстүндө койкоюп, Аккуу болуп калган ким? Акшумкарды көтөрүп,

Асманга алып качкан ким?

Айткын азыр жашырбай:

Азапка бизди ким салды?

Акшумкарды ким алды? –

Дегенде Күлүс ээлигип, Ачуусу келди Чачыкей Айткан сөзгө теригип:

– Бул кебиңди ит уксун! Ит укпаса ким уксун?

Үйдө олтурган катындын Ашы менен иши бар, Кушу менен неси бар?

Төрөмдүн айтар кеби жок. «Кушумду катын тапсын» деп, Тапшыра турган жөнү жок. Талаада жүргөн сен болсоң,

Үйдөгү катын мен болсом, «Шумкарды тапкын» дегениң – Догурунуп келгениң!

Балыкты качан мен айттым?

Баарысын жалган сен айттың! Ак кууну качан мен айттым?

Аны да жалган сен айттың!.. –

Долу катын Чачыкей

Кайта басты бурулуп, Жинди болгон эмедей, Өзүнөн өзү жулунуп.

Жолборс мүнөз Күлчоро – Күйбөгөн жери күл болуп,

Көңүлү кара түн болуп,

Толгомолуу чоң камчы

Толгой кармап алды эми, Кайта баскан катынды Капталга басып калды эми. Кырмызы кызыл көйнөгү Кыр-кырынан бөлүндү.

Менменсинген сулуунун Кылгырып жашы төгүлдү.

Ылаачындай Күлчоро

Ыргып түшүп атынан, Колуна буруп имерди:

– Кыянат кылган карабет,

Чачыңды кыркып албасам,

Жайдак атка мингизип,

Жалпы журтка билгизип,

Кементайды кийгизип, Шаатемирдин колуна Бүгүндөн калбай салбасам!

Уяты жок тилиңди

Азыр кесип албасам – Күлчоро болбой өлөйүн, Туулбай туна чөгөйүн! – Деп кыйкырды Күлчоро.

Аргасыз айтты Чачыкей Айчүрөктүн баянын:

Оогандан учуп Айчүрөк

Баталашкан күйөөсүн

Таласка издеп келгенин,

Жоголуп кеткен шумкарды Акун кандын долусу – Алып учуп кеткенин.

Укканда муну Күлчоро

Чачыкейге жагынып

«Кечиргин» деп жалынып, Семетейге жөнөдү:

– Төрөм, сага сүйүнчү, Душманга болсун күйүнчү! Шумкарды алган аппак куу Акун кандын кызы экен. Ургаачынын узу экен. Атакең менен Акункан Кудалашкан дос экен. Муну билбей, абаке, Кайнатаңа барбапсың. Калыңын берип Чүрөктү Аялдыкка албапсың.

Чынгожо менен эр Толтой

Ооганды курчап алыптыр,

«Кызыңды бер мага» деп

Акунга бүлүк салыптыр. –

Мындай сөздү Семетей

Биринчи угуп таң калды Күнөөсү бар немедей Өзүнөн өзү арданды. Чоролорун чакырып Ооганды көздөй аттанды.

Желбирек кызыл туу менен,

Айгайлаган дуу менен,

Бөкөйдүн бөксө жол менен,

Айбаттанган кол менен,

Ооганга жакын барганда, Үргөнчтүн чоң суусуна

Үч чакырым калганда

Манастын уулу Семетей Чоролорун токтотту: – Алты күнү бул жерге Ат өргүтүп алалы!

Чарчаган бойду сергитип, Акун кандын шаарына Андан кийин баралы!

Жолукса Толтой, Чынкожо,

Аянбай найза салалы! –

Деп, ошентип, Семетей

Төбөсү бийик чоң чатыр

Танаптарын тарттырды,

Жез бурама казыкты

Жерге мыктап кактырды,

КҮЛЧОРОНУН ЧАЛГЫНЫ

Төрөнүн уулу Семетей

Кылычын кыя байланып,

Кырга басып айланып,

Чарк айлана караса,

Үргөнчтү туман чалыптыр, Тунарыктап калыптыр. Андан бери караса,

Аккан суунун боюнда,

Ак-Кыянын оюнда, Кырка түтүн бөлүнөт, Кызыл чатыр көрүнөт.

Кызыл тердик, көрпөчө,

Кыздын аты өңдөнөт,

  • Айланайын Канчоро,

Чалгынга өзүң барып кел,

Душманбы же башкабы,

Байкатпай кабар алып кел! –

Семетей минтип калганда, Болбоюн деп арманда, Канчоросу кеп айтты:

  • Кайкалаган жоо болсо,

Качырып кирсем, миңдеймин, Катын-кызга туш келсем, Кантеримди билбеймин. Кыйытып айтар кебим жок, Кыз-келинге эбим жок!

Тил алсаң, аба, барбайын. Кыз-келиндер жолукса, Уят болуп калбайын?! Күйдүргү Күлүс шок эле, Сөзүндө сөлтүк жок эле. Чукугандай сөз тапкан, Чуулдап учкан ок эле.

Эрдиги менен элдиги Бирдей келген эме эле. Бул жагынан Канчоро Күлүскө качан тең эле?! Тили чечен, өзү шок, Тирүүдөн мындай эме жок!. – Андай болсо, Күлчоро,

Чалгының чыксын оңунан! – Деп ошентип Семетей

Чорону салды жолуна.

ҮРГӨНЧ ДАРЫßДАН ӨТҮҮ

Алдында Буурул койкоюп,

Көкжеке бутта чойкоюп,

Асаба колдо калкылдап,

Бозкисе жанда шаркылдап,

Атагы чыккан Аккелте

Ай далыда жаркылдап,

Кылычы кында кыңгырап,

Үстү-башын карасаң,

Ай тийгендей жаркылдап,

Алыстан көргөн адамзат

Айбатынан калтылдап,

Күрпөлдөгөн Үргөнчкө Алманбет уулу Күлчоро Кирип келди шартылдап.

Маңдай жагын караса, Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Чүрөк уз. Теректин башын бурушуп, Аркы-терки турушуп.

Селкинчегин тебишип,

Акийнегин айтышып,

Бирин-бири жеңишип,

Чорону көрүп карашып,

«Кимиси» деп талашып,

«Суудан кантип өтөт,– деп,

Бизге кантип жетет,– деп,

Кече калса, бул чунак

Агынды болуп кетет» деп,

Акундун кызы Айчүрөк

Кошо басып Калыйман, Кол артканы Бурулкан,

Жандай баскан Тынымкан,

Жароокөрсүп сөз айткан Жарашыктуу Калыйман, Жаш балага таң калып, Карап калды жарданып. Үргөнч деген суу экен, Үстү көбүк буу экен, Уккан жанга чуу экен.

Болжолу жок чоң Үргөнч Бопбоз болуп алыптыр, Болбой кирип калыптыр. Кыпкызыл болуп алыптыр, Кыйын кирип калыптыр. Киргенинде карал жок, Алакандай арал жок.

Таш агызып күркүрөп,

Чоң суунун жайын көргөндө, Чоронун бою дүркүрөп.

Ак чалма болуп ылайлап,

Жаткан экен чоң Үргөнч,

Жанына келген пендеси

Жакасын кармап «Кудайлап»

Төө өркөчтөп көрүнүп,

Жайнай түшүп төгүлүп,

Жекендин башы желпилдеп,

Камыштын башы калкылдап,

Талдын баары жайпалып,

Теректин баары теңселип, Үстү көбүк кир болуп.

Теңизден канча чоң агып,

Тегирмендей кара таш

Тегеренип калдырттап,

Үстүндөгү көбүгү

От жаккандай жалбырттап, Жаткан экен чоң Үргөнч Өзүнөн өзү сүйлөнүп.

Карагай, кайың короюп,

Толкундан чыгып балыгы,

Өлүп жатат тороюп,

Ар кайсы жерде булактап, Сайда жатат сороюп.

Жарылып тийген жерине

Жар туруштук бере албай,

Бурулуп тийген жерине,

Муз туруштук бере албай,

Чыбырын түлкү жойлобой,

Толкундап чыккан көбүгү

Чылбыр салса бойлобой,

Алыстан келген жолоочу

Кечемин деп ойлобой,

Ысык-Көлдөй көлкүлдөйт Берки четин карасаң, Баш айлантып мелтилдейт.

Теңирсиген чоң Үргөнч

Теңиздей болуп ташыптыр, Тал башынан ашыптыр. Муну көргөн адамзат

Буусуна жакын келгисиз,

Толгонуп тийген жерине

Тоо туруштук бергисиз,

Кечмек түгүл бул суунун Тозуна жакын келгисиз.

Муну көрүп Күлчоро,

Акылы кетти алдырап, Айланчыктап бул сууга Карап туруп жалдырап.

«Абакемдин жанынан Канчородон кырдуусуп, Мында келдим тыңдуусуп.

Ушул суудан кечпесем, Карап турган кыздарга Уялбай кантип беттешем. Суудан коркуп кечпесем,

Кабарын алып кетпесем,

Күлчоро болбой өлөйүн,

Туулбай туна чөгөйүн!» – Деп, ошентип куу чунак

Кыдырып кечүү карабай,

Кызды көргөн түгөнгүр

Кылча жанын аябай

Жардын башын уратып, Сууга кирди чуратып.

Таш ургандай чулп этип,

Чөгүп кеткен эмедей,

Суунун үстү шырп этип,

Карап турган кыздардын

Жүрөктөрү зырп этип,

Кирген жерде жоголуп,

Сүрлүгө түшүп оңолуп,

Анда-санда Буурулдун

Кулагы чыгат кылт этип, Анда-санда чоронун Төбөсү чыгат жылт этип. Ак болотун дат алып,

Адис болгон Тайбуурул

Агынын көздөй маталып, Суу үстүндө ыргыштап, Кайып беле Тайбуурул? Суу түбүндө чөкпөгөн Кайык беле Тайбуурул? Туура сүзүп ыргыган Балык беле Тайбуурул!

Суунун бети былк этип,

Теңирсиген дайрадан

Ыргып чыкты кылт этип, Болот така, күмүш мык Төрт туякта жылт этип… Накта жолборс Күлчоро

Маңкаң-маңкаң бастырып,

Жолдун четин каздырып,

Жолум үйдөй көбүктү

Жол четине чачтырып,

Кароолчу койгон Кара кыз, Сакчы койгон Сары кыз,– Экөөнү бирдей шаштырып,

Шыңкылдашкан кыздардын

Алдынан чыкты Айчүрөк

Шыбырларын бастырып,

Жакын кирип келгенде, Кара жерге кар жааса, Карды көр да этин көр. Кар үстүнө кан тамса Канды көр да бетин көр.

Калемдей кара кашы бар,

Кундуздай сулуу чачы бар,

Берметтей аппак тиши бар, Журттан башка иши бар.

Маңдайы жарык бото көз,

Моймолжуган ширин сөз,

Күмүш үндүү, колоң чач,

Кош каркыра, керме каш,

Акак тиштүү, ай нурдуу, Алма моюн, түймө баш,

Ак кочкордой даңкайып,

Ак маралдай шаңкайып,

Акча бети жарк этип,

Алтындан кылган чоң сөйкө

Акыректе шарк этип,

Жылаажындуу дабышы

Жез комуздай шаңк этип, Сурап калды Айчүрөк:

  • Кайдан келген баласың? Кайсы жакка барасың? Көзү кара кочкордой Токчоңдогон сен кимсиң? Эркек кара каргадай

Чокчоңдогон сен кимсиң? –

Анда Чоро кеп айтат,

Кеп айтканда деп айтат;

  • Ким экениң билбеймин, Айчүрөк дебей ким деймин?

Менин жайым сурасаң,

Качырганым Акшумкар Чүрөк сенден көрөмүн!

Артыңан, жеңе жөнөдүм.

Коркутпа, жеңе, чорону,

Сенден корккон оңобу?! – Анда Айчүрөк кеп айтты,

Кер какшыктап бек айтты: – Кандай курган баласың!

«Шумкар» деген эмине,

Таанышпай жатып, «жеңе» деп, Шоктоносуң тим эле! Баатырсынган түгөнгүр, Сенин өзүң ким эле?!

– Жерибиз Кең-Кол, кең Талас,

Атабыз артык шер Манас,

Калкыбыз атпай көп кыргыз,

Кыргыз, кыпчак аралаш, Ногой деген уруктан Жайдары тууган эр Манас.

Эр Манастын баласы,

Жетим калып жетилген,

Ак болоттой кетилген, Семетейдин иниси – Иниси эмей кимиси?!

Атамдын аты – Алманбет. Азиз кандын баласы.

Айтып турган сөзүмдөн Калдыбы, жеңе, чаласы?! Сени «жеңе» дегендин Кайсы жерде талашы?

Акшумкардын артынан,

Айчүрөк жеңе дартыңан,

Он төрт күлүк айдатып,

Жоо жарагын шайлатып,

Арчатору бууданга

Аяктай кебез байлатып,

«Бүгүндөн калбай барам,– деп,

Айчүрөк сени алам!» – деп,

Душманга салып күйүнчү,

Антташканың Семетей,

Келип калды. Сүйүнчү! – Деп, бүтүрдү Күлчоро.

 

Белесте калган Семетей

Дүрбүнү кармап имерип,

Күлүстү көздөй жиберип,

Айчүрөктү көргөндө

Токтоно албай, түгөнгүр,

Чилдедеги буурадай,

Тура калды чиренип,

«Канчоролоп» чакырды, «Ат току!» деп бакырды:

– Акжолтой тууган Күлчоро

Чүрөктү таап алганбы,

Жеңеси менен биригип,

Абасын күтүп калганбы? –

Деп, ошентип, Семетей

Тоодой болуп көрүнүп,

Кызды көргөн түгөнгүр,

Кыялына чөмүлүп,

Даңканын көккө бургутуп, Актелкини чулгутуп,

Жинденип жаткан дайрага Кирип келди зыргытып. Жардын башын уратып, Сууга кирди чуратып. Кирген жерден чоң дайра Алып кетти сулатып.

Кан Манастын арбагы Колтугунан алды окшойт. Кырк чоронун арбагы

Сууну бөгөй салды окшойт…

Карап турган кыз-келин Айчүрөктөн кеп сурайт: – Семетей деген ушубу? Алып келген Ак шумкар Бул кишинин кушубу?

Чыныгы жездем эр экен! Чарк айланып ааламды Издегениң эп экен!…

Семетейди көрүшүп,

«Айылыбыз бирге консо,– деп,

Манастын уулу Семетей

Алган жарым болсо,– деп,

Азгана ойноп-күлсөк,– деп,

Моюндашып жүрсөк,– деп,

Моокум басып күлсөк,– деп,

Таң атканча жүрсөк,–деп,

Тамашалап күлсөк» деп,

Кыздардын баары мелтиреп,

Үргөнчтүн жээгинде

Карап турган кезинде

Манастын уулу Семетей Суудан чыкты жарк этип,

Ителги куштай барп этип.

Күлчоро чыкты алдынан:

  • Айланайын, абаке!

Издегениң мынаке! Шумкарды таптым, салып кет, Жеңемди таптым, алып кет! Же болбосо Чүрөктүн Мойнуна күнөө салып кет!… Семетей анда мындай дейт:

  • Жыргап жаткан жеримден,

Жылас Чүрөк, козгойсуң,

Козгогонго жараша,

Кол куушуруп тоспойсуң!.. – Мындай сөздү укканда

Айчүрөк айтты буркандап:

  • Жолоочу киши жол менен,

Чоочун киши сый менен,

Кол куушуруп тоскондой,

Алдыман чыккан каным жок, Доомат кылып сүйлөгөн, Ким болосуң дайның жок! Чынкожо аттуу жээним бар, Толтой аттуу эрим бар.

Жолоочуну тоскондой,

Кандай менин эбим бар!  –

Укканда муну Семетей

Ачуусу келди арбайып, Алдыңкы ээрди калбайып: – Акундун кызы Айчүрөк, Акшумкар берчи, кетемин!

Арка кылып таянган

Эриң келсин урушка,

Көрүшөлү бул жерден,

Шериң келсин урушка!»

Анда Айчүрөк кеп айтты, Ызаланып бек айтты: – Кан Манас менен атамдын Кудалашкан анты бар.

Семетей, муну билбедиң,

Атаңдын антын урматтап Колуктуңа келбедиң.

Бул жерде күнөө сенденби?

Арбакты аттап өтө албай, «Семетей качан келет» деп, Карганча күткөн менденби?!

Эркек болуп, эр болуп,

Сен келбедиң мени издеп, Чынгожо курчап келгенде Кыдырып учтум сени издеп.

Шумкарыңды ала бер,

Таласыңа бара бер!  – Калыйман анда кеп айтат: – Ой, жездеке! – деп айтат,– Ачуунду мага бериңиз, Ак чатырга кириңиз!

Бизден кеткен иш болсо,

Күнөөнү, жезде, кечиңиз!. –

Деп, ошентип, кашкайып,

Күзгүдөй бети тастайып,

Жездесин үйгө киргизди,

Эптүүлүгүн билгизди,

– Кечиргин, Чүрөк, сөзүмдү, Жок издеп жүрүп таптым го, Колуктум сенин өзүңдү!

Акыры менден алдың го

Качандан берки өчүңдү!..–

Деп Семетей калганда,

Күйөө балаң келди деп

Акунга кабар барганда,

Күтүп жүргөн атасы Көзүнөн жашын агызды, Сакалдан ылдый тамызды:

– Жолуңду Кудай жолдосун, Жолборс атаң колдосун!

Кол салган душман оңбосун!

Батасын алып Акундун,

Кайнатанын алдында

Ийилип күйөө турганда,

Чуркураган чуу чыкты,

Айгайлап аскер бакырып «Толтой!» деп ураан чакырып.

Басылбай мылтык тарсылдайт, Добулдун үнү карсылдайт.

Асмандан учкан жылдыздай, Ок асманда жаркылдайт.

Шыгайдын уулу Чынкожо

«Манастын уулу кайда? – деп,

Баатырсынган канкордун

Башын чагып, жайла!» – деп,

Кылычын алып колуна, Чыгып калды Чынкожо Кан төгүшөөр жолуна.

Жедигер, нойгут кылкылдап,

Толуп келген кезинде,

Качырып кирди эр Семең,

Карсылдатып атышып,

Кызыл канга батышып,

Далай адам окко учуп,

Учу болот сырнайза,

Как жүрөккө малышып,

Кайра тартып алышып,

Чалкасынан салышып,

Кылыч менен чабышып,

Кызыл канды агызып,

Чочмор менен чабышып,

Чокудан канды агызып,

Орто жерин эр Семең,

Оюп кетип баратат, Эки четин чоролор Жоюп кетип баратат.

Токтобостон үч күнү

Карсылдашып согушуп, Далай адам найза жеп, Турбай жатат солушуп.

Айрылбаган баш калбай,

Алжайбаган каш калбай,

Ажалы жетип жан калбай

Биринен-бири жазганбай, Кыйла өнөр көрсөттү,

Кылышпаган маш калбай. Чалкасынан дардайып,

Сулап жаткан андан көп. Жер кучактап тура албай,

Кулап жаткан андан көп. Элден качып элирип,

Эси чыккан мындан көп.

Шыгайдын уулу Чынкожо

Карат менен закымдап, «Семетейди со¸м» деп, Жетип келди жакындап.

Камынып жаткан Күлчоро

Көп-көк темир кийинип,

Чынкожо менен Каратты

Кар жиликтин түбү деп,

Өлчөлүү жердин тушу деп,

Өлөр жери ушу деп, Кароолуна кабылтып,

Машааны басып таштады.

Жедигер, нойгут жатпаган Талаада жер калбады.

Семетей чындап киргенде,

Чоролор жоону сүргөндө,

Жедигердин Толтою

Сурко¸нго камчы уруп,

Чаңына чаңы кошулуп, Талаага качты закымдап, Семетей барды жакындап.

Как жүрөктүн тушу деп,

Өлөр жериң ушу деп,

Эр Семетей бек сайды,

Жедигердин эр Толтой

Сурко¸ндон кулады,

Жели чыккан чаначтай, Үнгө келбей сулады.

Ошол кезде чоролор

Экөө бирдей жарышып,

Үзөңгүсүн кагышып,

Ар кимиси өзүнө

Ылайыктап табышып, Күлчоро мурда кеп айтат, «Меники соогат!» деп айтат.

Канчоро дагы кеп айтат,

«Мен алам атты!» деп айтат, Эр Семетей биле албай,

Бирине сүйүп бере албай, Эки чоро эреңдин Бирин жакын көрө албай:

– Айланайын чоролор,

Калыстыктан качпайын, Сурко¸ндун чылбырын Ортоңорго таштайын.

Мурун сермеп озунуп,

Кол жеткениң алгыла! –

Деп, ошентип Семетей

Ыргытып калыс чылбырды, Талашканын тындырды. Ылаачындай Күлчоро Озунуп илип алды, дейт.

«Абам атты берди» деп, Кубангандан Күлчоро Айкырыкты салды дейт. Кара мүртөс Канчоро Кусамат сөздү салды, дейт:

– Улуу болсом, мен болсом,

Сайсам жоого, тең болсом, Өлгөнүм жакшы бул көрө, Өз олжомдон кем болсом.

Анткорсунган абакем

Сурко¸ндун чылбырын Күлчоронун жолуна

Ийе таштап салды го!,–

Деп, ошентип Канчоро Капаланып, кагынып Кекенип калды таарынып.

Оогандын каны Акункан Күйөөгө кызын узатты. Чүрөгүн алып Семетей

Таласты көздөй жол тартты.

 

СЕМЕТЕЙДИН КОҢУРБАЙГА КАРШЫ АТТАНГАНЫ

Кең-Колдо бейкут жатканда,

Көп кызыкка батканда,

Келберсиген эр Семең,

Айтканын эки кылбаган,

Ойлонсо тынчып турбаган, Түндө жатып түш көрдү, Бир көргөнүн үч көрдү:

Жер астында тумчуккан

Манас көзгө көрүндү, Айсарала ат минген, Алманбет көзгө көрүндү. Калың жоо менен кармашкан Чубак көзгө көрүндү.

Чырм этип уйку албаган, Беттешкенин арбаган Сыргак көзгө көрүндү.

Кийген кийим ак жибек, Айры сакал Санжыбек, Ал да көзгө көрүндү.

Алтын наалы өкчөсү,

Айдаркандын Көкчөсү,

Калың казак абасы,

Кан Манастын бажасы,

Ал да көзгө көрүндү,

Эки Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган Кара жаак эр Үрбү, Ал да көзгө көрүндү.

Эрендерче салышкан,

Ээн талаада калышкан,

Эрмек кылып чокушкан,

Ала карга, сагызган, Чолпондой болгон чоролор

Баш көтөрөр алы жок,

Байлашарга жаны жок, Баары көзгө көрүндү.

Ойгонгондо Семеңдин Көзүнүн жашы төгүлдү. Ошондо Семең кеп айтат Өзүнө өзү бек айтат: – Атайын салып эсиме, Арбактар эми көрүндү. Арсыз адам болгунча, Көрсөм боло өлүмдү. Эрлерди кырган Коңурдан Алсам боло кегимди. Асыл Бакай абама Айтсам боло кебимди.

Алышкан жоону талкалап,

Актасам боло тегимди!. –

Ал аңгыча кан Бакай

Ылдам минип бастырып,

Өзү келди шаштырып,

«Ой, аба! – дейт Семетей,– Сулайман сурак кылбаган,

Искендер изин салбаган, Манастан башка барбаган, Бээжиндин бетин ачсам, дейм.

Кара кытай төрөсү Коңурбайдан Манастын Кунун алып кайтсам, дейм. Кармашарым кан Коңур Даярданып жатат, дейт.

Алдын алып көрсөм, дейм,

Элдин канын чачтырбай,

Жердин бетин бастырбай,

Алышып жүрүп өлсөм, дейм,

Камынып жаткан Коңурдун

Алдын ала барсам, дейм, Үйүмдөн күтпөй Коңурду Үстүнө барып калсам, дейм. Мынабу турган кош чоро Кылоосу түшүп бүтө элек, Эрдигин сынап көрсөм дейм. Кыйындардын куну үчүн

Көрбөгөндү көрсөм дейм.

Элдин кегин куубасам,

Кыбырап жүрбөй өлсөм  бейм?»

Ак сакалын жайкалтып, Асылдыгын байкалтып, Анда Бакай кеп айтат:

– Э, кулунум Семетей,

Кекене кирсең, жол да көп,

Олжолоп алсаң, пул да көп, Кырылышып өч алсак, Кылымга татыр күн да көп. Казылуу жаткан ор да көп,

Кармаш кылар кол да көп, Кулунум, көкжал Семетей, Айта берсем дат да көп.

Аңдышып жүргөн жат да көп.

Ойлонуп көр, кулунум, Бээжиндеги Коңурбай Ойлобой кирер жоо эмес. Касиеттүү чоң Бээжин Кармашпай өтөр тоо эмес. Карыганча мен Бакай

Далай укмуш көргөмүн, Кытай өңдүү кыйынды Кылымдан такыр көрбөдүм. Кумурскадай сан жеткис Кубаты көп эл ошол. Каарына алганда Каптап кетер сел ошол. Берекелүү чоң Бээжин

Нур төгүлгөн жер ошол.

Кар жатпаган кара тоо Чай алуучу кен ошол. Беттегенден кайтпаган, Бели бекем эл, ошол. Өз билгенинн бербеген Өжөрлөнгөн эл ошол.

Анда Семең кеп айтат:

– Ойлонгондон кайтпаймын… Ажалым жетсе, өлөмүн,

Башкача сөз айтпаймын! Алтын жан эсен бар болсо, Коңурдан олжо бөлөмүн! Каптаган селдей кол болсо, Кармашып канын төгөмүн!

Эки чором соо болсо,

Тынчытпаган Коңурдун

Тынчын алып көрөмүн!.. –

Деп, ошентип калганда,

Капаланды кан Бакай Кандай кеп айтпагын Кайра тартпас болчудай. Семетейдин мүнөзү Эр Манастын так өзү.

Ойлогон оюн аткарган. Алдынан чыкса топ душман Өлсө да кайра тартпаган. Аргасыздан кан Бакай Даярдыкка киришти…

Үйдө жатса күйүнгөн,

Тышка чыкса сүйүнгөн

Канчоро менен Күлчоро Мурутунан күлүштү.

Темир кийип жаркылдап,

Жоо жарагы шаркылдап,

Ак чатырды бүктөшүп,

Ак борчукка жүктөшүп,

Ок-дарыны мол алып, Сарамжалын бүтөшүп,

Түпөктүү кызыл туу менен,

Кербендей ызы-чуу менен,

Бакай каны башында,

Эки чоро кашында

Казатка чыкты Семетей

Жыйырма беш жашында. Айчүрөктүн кеби бар,

Арманын айтар эби бар,

Адамдан башка дабышы Кай жериңде кеми бар. Таңгы булбул үндөнүп,

Олоңдой болгон кара чач

Агарбас болуп өңдөнүп,

Акырын басып шоодурап,

Эки көзү жоодурап,

Таманы жерге тапылдап,

Көмөкөйү какылдап,

Чоюла басып шаркылдап,

Чолпондой көзү жалтылдап,

Ак тамагы балкылдап,

Айдай бети жаркылдап,

Аяктай алтын сөйкөсү

Акыректе шаркылдап,

Олоңуна оролуп,

Периштедей жылмайып, Семетейдин алдына Басып калды муңайып:

– Айланайын хан төрөм, Быйыл барба казатка, Башыңды салба азапка!

Түндө жаман түш көрдүм,

Дегеле шумдук иш көрдүм,

Канжыгадан баш көрдүм, Кан сыяктуу жаш көрдүм, Кол көөкөрдөн аш көрдүм.

Сары өзөн ылдый сел жүрдү, Аягы өйдө өрт күйдү,

Ак жалбырак чалдыкты,

Сен жортуулдан кайтканда,

Эр чырагы эки көз

Жумулуңку көрүндү,

Темир кийген тулку бой Солдоюңку көрүндү. Эр чалгыны эки кол Шалдайыңкы көрүндү.

Алчыланган Тайбуурул

Жетеленип калыптыр,

Үстүндөгү Аколпок

Бөктөрүлүп калыптыр, Алтын кулак Аккелте Өңөрүлүп калыптыр.

Ала тоонун жорусу,

Айланып көктөн көрүндү Айланайын жан төрөм, Бул түшүмдү жоручу!.

Кара мүртөз Семеңдин

Кабагы карыш салынды,

Ак жолборстой чамынды:

– Сары өзөн ылдый сел жүрсө,

Аягы өйдө өрт күйсө,

Ак жалбырак чалдыкса,

Коңурбайдын сан жылкы Айдалып кете турганы. Андай болсо Коңурдун Алдыма кулдук урганы.

Эр чырагы эки көз

Жумулуңку көрүнсө,

Күндүр-түндүр жоо сайып, Уйкум келе турганы.

Темир кийген тулку бой

Солдоюңку көрүнсө,

Аттан түшпөй кармашып, Аягым талый турганы.

Эр чалгыны эки кол

Шалдайыңкы көрүнсө,

Күндөп-түндөп жоо сайып, Колум талый турганы.

Алчыланган Тайбуурул

Коштолгонун сен көрсөң, Коңурбайдын Алгара, Аны мине турганым. Үстүндөгү Аколпок

Бөктөрүлүп көрүнсө,

Коңурбайдын Кылгара, Муну кие турганым.

Алтын кулак Аккелте

Өңөрүлүп көрүнсө, Коңурбайдын очогор, Аны асына турганым.

Асмандан учуп көрүнсө

Ала-Тоонун жорусу,

Менден өлгөн душманга Ак кажырдын конушу. Анын несин айтасың!

Баатырлардын алдынан Түлкү чыкса кылактап, Олжо болот дечү эле.

Баатырлардын алдынан Катын чыкса булактап, Жолто болот дечү эле. Жолума туура турбагын, Жолума кесир кылбагын!

Маңдайы күнгө күйбөгөн,

Акыл менен эсептеп

Адептүү сөздү сүйлөгөн,

Акундун кызы Айчүрөк Эсинен танып ыйлады.

Семетей жолго чыкканда Артынан карап Айчүрөк,

Көзүнүн жашын тыйбады.

 

СЕМЕТЕЙДИН КАРАГУЛГА АЛДАТКАНЫ

Алгараны жетелеп

Сан жылкымды көрөм деп

Жайытка келди Коңурбай,

Жылкычысы Карагул

Чуркап чыкты алдынан, Атасын көргөн баладай. Түркүн-түркүн сан жылкы Жерди жайпап калыптыр.

Кыл-Эртиштин боюнда

Чыйырчыктай кара ала

Чыпка куйрук сары ала

Макмал жүндүү, капкара,

Башайыдай кара ала,

Ар кайсысы ар башка,

Калдайып жатат сан жылкы, Бир жагында Торкашка…

Муну көрүп кан Коңур,

Жылкычыга кан болгон, Атагы журтка даң болгон, Карагулга кеп айтат:

– Манастын уулу Семетей Кара жерде турганда, Кабыргама ок болду. Качан болсо кун үчүн, Келбей ко¸р эби жок.

Келип калса бул чунак,

Жекелешип чыгууга Менден башка теңи жок. Сактап жүрүп эл-журтун, Коңурбай каның карыды. Желдей учуп дем албай, Алгара да арыды.

Тулпарды жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Сөөгү агарсын Алгара, Көп минилди жаныбар. Көп жылкыга ээрчитпей, Бөтөнчөлөп багыңар. Кыргыз жактан жоо келсе, Тезирээк кабар салыңар?! Кырдаалында Алгара Кебелбей чуркаар чагы бар.

Кунун кууса Семетей,

Коңурбайдын колунан Ага турган каны бар!

Кун куубаса жаманды Баш көтөртпөй басууга Коңурбайдын камы бар!

Ушул сөздү, Карагул,

Унутпаңар баарыңар!.. – Буйругун айтып Коңурбай,

Бууданын таштап кеткенде

Дардаңдаган Карагул

Кош жаздыкты койдуруп,

Тел кулунду сойдуруп,

Колу-бутун чойдуруп,

Дардайып жыргап жатканда,

Эртеңки таң атканда

Кароолдо турган жылкычы Семетейди көрдүм деп, Чуркап келди элеңдеп.

Карагул туруп ордунан Семетейди жолунан, Жүгүнүп тосуп чыгыптыр:

– Ишимди Кудай оңдосо, Семетей болуп жүрбөгүн?

Семетей болсоң, арман жок, Аман көрдүм жаныңды,

Издеген жогум табылды.

Атаң Манас барында,

Карагул деген мен элем.

Ошондо кимден кем элем? Манастын көзү өткөндө, Сен Букарга кеткенде.

Көкчөнүн уулу Үмөтөй

Жылкычы кылды өзүмдү,

Тең атаны тең кылбай, Укпады айткан сөзүмдү.

Ошондо келдим Кытайга. Жан соогалап темселеп,

Жан багып жүрөм ушунда! Элимдин калдым тышында! – Карагул турду безилдеп:

  • Айланайын Семетей,

Куткарып алар кезиң,– деп,

Жалынып, мойнун кучактап,

Жалооруп ыйлап, бышактап, Семетейдин намысын Козгоп турду Карагул.

Семетей айтты «абам» деп,

«Өзүмө кошуп алам» деп,

  • Алгараны, абаке,

Кармап бергин маган,– деп –

Коңурбай менен кармашып

Атамдын кунун алам, деп,–

Бети жок шүмшүк Карагул

«Алгараны алгын» деп

«Кадимки дулдул тулпар» деп,

Камчы салса баспаган,

Желгенинен жазбаган,

Таш токум болуп арыган,

Өзү кашаң карыган,

Кыйды атанган кара атты Алып келди жетелеп.

Ашкан шүмшүк Карагул

Алгараны камчылап

Заматта качып жөнөдү Коңурбайга кабарлап. Кабарды угуп Коңурбай, Элине замат жар салды:

– Эрлердин кунун кубалап,

Семетей келген турбайбы,

Семетейге алдырсам, Ушул турган Коңурду Кудайым өзү урбайбы!

Көпөлөктөй жетимдин Көрүнөйүн көзүнө. Баатырлар, кулак салгыла, Айтып турган өзүмө!

Эрдемсинген жетимди Алдынан тосуп баралык!

Талпактай сабап салалык!

Тайбуурулду баш кылып Буруттардын аттарын Олжо кылып алалык.

Айгайлаган чуу менен.

Айчыктуу кызыл туу менен,

Түпөктүү найза калчылдап, Семетейди тосууга

Жөнөп калды баркылдап.

 

СЕМЕТЕЙ  ЖАРАЛАНЫП,  АЙЧҮРӨК  ОК  АТТАГАНЫ

Кажыбас баатыр Коңурбай

Адырга чыгып караса,

Манастын уулу Семетей Мергенге келген эмедей Отурат оттун жанында. Эки чоро, кан Бакай

Отурат берки жагында, Ит агытып, куш салып Чарчап келип жаткандай.

Семетейди көргөндө,

Арман кылып Коңурбай, Күңгүрөндү өзүнчө:

«Манастан калган жетимди Томуктай бала деп жүрсөм, Тоодой баатыр турбайбы. Токсон миң адам келсе да, Толгоп башын жулбайбы? Атасы Манас баатырдан

Алты эсе мыкты көрүнөт, Айбатынан ажалдын Көлөкөсү көрүнөт. Ушундай баатыр баланы Кудайым мага бербеди. Канча катын алсам да Аталык бакыт келбеди.

Айкөлдөй болгон Семетей

Менин уулум болсочу,

Ак шумкардай айланып Колума бакыт консочу!

Берендерге тең кылып,

Манжуулардын элине

Ушундай туулган баланы Кан көтөрүп алсам, ээ!

Көбүрүп турган чунакка Көңүл айтсам болбойт го!

Көрүнүп койсом көзүнө,

Көз ачканча сомдойт го!»

Деп, ошентип бай Коңур

Ала тоодой жондонуп,

Ач жолборстой комдонуп,

Очогорго от коюп,

Семетейдин төшүнө

«Өлчү жердин тушу,– деп,– Өлгөнүң, балам, ушу» – деп,

Кош дүрмөттү салды эми, Семеңди дал жүрөккө Коңурбай атып калды эми.

Семетейдин көзүнөн,

Көк жалын чыгып төгүлдү, Көшүлүңкү көөдөндөн Кош кабырга сөгүлдү.

Атына минип Күлчоро, Коңурду кууп калыптыр.

Кан жыттанган Коңурбай Алгарасын камчылап Жеткирбес жолго салыптыр.

Айласы кеткен Күлчоро

Бура тартты бургутуп,

Көгаласын чулгутуп

Жетип келсе кайрылып, Жаткан экен Семетей Акыл-эстен айрылып.

Бакай менен Канчоро,

Эч айласын таба албай,

Ок кирген жери чарадай, Көрүнүп турат жүрөгү,

Соолуп жаткан баладай. Анда Бакай кеп айтат:

– Семетейдин жарасы, Өлтүрө койчу жара эмес, Бул жарадан өлгөн жан Манастан туулган бала эмес! Айланайын Күлчоро,

Сен аттангын Таласка,

Айчүрөк келин даанышман Тунук аял деди эле. Эркекке көңүл бурбаган Умайдай аян деди эле. Алып келгин Чүрөктү, Ок аттатып калалык.

Аттаган огу түшпөсө,

Айла кетсе бычактап,

Токтогон огун алалык,– Деп, ошентип бар сөзүн

Күлчорого билгизип,

Шамал менен жарышкан,

Сурко¸нду мингизип,

Алдастап жаткан Семеңди

Чоң чатырга киргизип,

Олуя Бакай олтурду, Аккан канды чорого Картык менен сордурду.

Алманбеттин Күлчоро

Ак булуттун астынан,

Калдайган жердин үстүнөн Үч күн, үч түн жол жүрүп, Жетип келди Таласка.

Жамандыкты сезгенсип

Алдынан чыкты Айчүрөк:

– Кайрат кыл, жеңе, ыйлаба! Ок жаңылды абама!

Очогордун чоң огу,

Абамдан чыкпай токтолду, Канча дарман кылсак да,

Түшүрөр айла жок болду. «Жашынан жолдон азбаган,

Жамандык ишке барбаган,

Өз эринен башкага

Этегин кайрып ачпаган,

Таза ургаачы аттаса,

Ошондо огу түшөт!» дейт, Ок түшкөндө жарасы, «Кадимкидей бүтөт», дейт.

Чородон кабар укканда

Кейип, ыйлап Айчүрөк,

Кара көзгө жаш алып,

Кандай заман болот деп,

Кызыл өңү кумсарып,

«Аркамдан өзүң келгин,– деп

Тилекти Кудай бергин!» деп,

Таң кашкайып атканда,

Тараза жылдыз батканда,

Канатын жайып калкылдап,

Куйругун жайып жаркылдап,

Учуп кетти зыпылдап, Учуп келип Бакайга Айчүрөк окту аттады. Аттаса огу түшпөдү,

Экинчи Чүрөк аттады, Анда да огу түшпөдү.

Канчоро менен Күлчоро

Жазалуу кылып Чүрөктү

«Аттаган огу түшпөйт» деп Салганы турат дүмөктү. Сай сөөгү бүтүн зыркырап, Ыйлады Чүрөк буркурап:

– Айланайын сырттаным,

Издеп келип шумкарың,

Чоң-Үргөнчтүн боюнда,

Төрт-Күлдүн кенен оюнда,

Сени күткөн Чүрөктү

Шашып өпкөн жериң бар, Никеге жетпей мен бейбак Жалыныңа чыдабай,

Эрип кеткен жерим бар.

Кудайым, аны кечиргин!

Мындан башка шегим жок, Шек кылып айтар кебим жок. Жалган жерден шум дүйнө, Жүзүм кара болбойбу! Арам деп ойлоп төрөмдүн Ичине кайгы толбойбу.

Бактысы жок бейбакты

Тирүүлөй кылбай шерменде, Кара жер азыр сорбойбу?! Мындан башка өзүмдө Эч жазыгым жок эле.

Ак этектен түшпөгөн

Арманга бүткөн мына бул

Алда кандай ок эле!!!»

Дагы бир жолу аттайын,

Түшпөй койсо аткан ок,

Асманга кайра сызайын,

Канатымды кайырып

Боюмду жерге таштайын! – Деп, ошентип Айчүрөк

Озондоп ыйлап солкулдап,

«Шерменде болбой өлөм» деп,

Көөдөндүн баары болкулдап,

Семетейдин үстүнөн

Акырын аттап жылжыды,

Аяктай болгон коргошун Эр Семеңдин ичинен Ыргыткан таштай ыргыды!

Кытайдын кырма дарысын,

Кырып алган сарысын,

Ала чуркап Күлчоро,

Кырка коюп баарысын,

Улам-улам дарыны

Семетейге беришип,

Кабырганы коңдуруп,

Кабыландай баатырды

Кадимкидей болтуруп,

Көңүлдөрүн жайлашып,

Текести тепсеп өтүшүп,

Тууган элге жетишип,

Жаратынан айыгып

Семетей келди Таласка.

Кадырлуу Бакай кашында,

Түлөө берди Семетей

Кең Таластын сазында, Каптап келген өлүмдөн Тирүү калды Семетей.

Жыйырма беш жашында.

 

КОҢУРБАЙДЫН ТАЛАСКА КОЛ САЛГАНЫ

Манжуулардын Коңурбай

Казынасын ачтырып,

Карк алтынын чачтырып, Заңгилерге кеп айтат:

– Баарың уккун,– деп айтат,–

Кайратымдын барында,

Күчүм толук чагымда Эчен жолу талкалап, Буруттарды айдадым. Акырында Манасын Кан жуткузуп жайладым.

Манастын уулу Семетей

Манжуудан чыккан Коңурдун Ким экенин билбеди!

Таанытайын өзүнө,

Көрсөтөйүн көзүнө,

Унутканын буруттун Салайынчы эсине!

Келтирейин бурутту

Чачылып калган кезине! –

Деп, ошентип Коңурбай

Алгараны чулгутуп

Кылкылдаган туу менен,

Кыжылдаган чуу менен,

Найзаларын таянып,

«Калбайбыз» деп аянып,

Көк желектер жалкылдап,

Сел каптаган эмедей,

Жердин бети кылкылдап,

Алда канча дөө менен,

Ат көтөрбөс жөө менен,

Адам билгис шаң менен, Асман жапкан чаң менен

Түндө жүрүп билинбей,

Тынып жатып таң менен, Күн көрүнбөй күүгүмдөп,

Ат көрүнбөй бүлбүлдөп,

Сыйынышып аласка

Жеткенде Коңур Таласка, Буйрук берди баарына:

– Камынтпай басып калгыла! Манастын жалгыз жетимин, Үйүнөн байлап алгыла! Жолуккан кыргыз адамды Жол боюна жаргыла!

Капарсыз жаткан бурутка Талоонду мыктап салгыла! Жаш кыз-келин сулуудан Бештен, ондон алгыла!

Жаккан отун өчүрүп,

Түндүгүн жерге түшүрүп, Сапыргыла бурутту!

Зор айлакер Коңурбай

Жолдун баарын торгоду,

Тышка адам чыгарбай, Ичке адам киргизбей, Курчап алды ордону.

Баатыр Семең башында,

Бала жолборс кашында

Айкырыкты салышты, Айгайлаган манжууга Кыргыздар кирип барышты. Кара кытай калың жоо

«Манастап» ураан чыкканда,

Семеңдин үнүн укканда,

Чаң асманга созулуп,

Туш-туштан колдор кошулуп,

Үйөр жүргөн сел менен,

Үпчүн кийген эр менен

Туу түбүндө турушуп,

Тулпар минип урушуп,

Чочмор менен чабышып,

Чокудан канды агызып,

Айбалта менен салышып,

Сабы колдо калышып,

Кылыч менен чабышып, Чаны колдо калышып,

Жарак колдон кеткенде,

Жакасынан алышып,

Аттан кулап калышып,

Буттан торой чалышып,

Чалкасынан салышып,

Айрылбаган баш калбай,

Алжайбаган каш калбай, Кара кытай, кыргыздар Кырылышты эс албай.

Бир-биринен жазганбай,

Болот найза мылгытып,

Оозунан канын кулгутуп,

Найзага келген адамды

Тебетейдей ыргытып,

Ортосунда баатырлар

Калың жоону дыргытып,

Таластын үстү чаң болуп,

Талаанын баары кан болуп, Кыймылдабай кылтасы Кылыч тийген андан көп. Кый сүбөөдөн жардырып,

Кыңылдаган мындан көп.

Айбалта тийген андан көп, Алсырап жаткан мындан көп. Кан токтобой шаркырап, Кансырап жаткан андан көп.

Топурак учуп, чаң басып,

Тоо көрүнбөйт адамга,

Кимиси душман, кимиси эл, Жоо көрүнбөйт адамга,

Кан кечишкен майданда

Качкан кыргыз жок болду, Кара кытай, манжууга Качангы кеги козголду…

Кабагын салып эр Коңур, Акыркы күчүн жыйнады.

«Бергин, бурут, бергин!» деп,

Элден оолак чет болуп,

Семетейге бет болуп, Өзөккө түшкөн өчтөрү Жетеге жетчү кек болуп.

Жекелеп Коңур чапканда,

Жер силкинген эмедей,

Кезенген үндөр күркүрөп,

Карап турган жандардын

Бүткөн бою дүркүрөп,

Тайбуурул менен Алгара Бир-бирине беттешип, Учуп жүрөт диркиреп. Кайраты жок далайы Качып жүрөт зиркиреп.

Эсепте жок эки дөө

Найза менен сайышат, Найзалары тайышат, Калкандары кагышат.

Айбалта менен чабышат,

Калкандардын бетине Кадимкидей жалындар Тутанып барып калышат. Баатырлардын башынан Буркурап көпкөк буу чыгат. Тулпарлардын этинен Булактап кара суу чыгат.

Семетей менен Коңурбай

Алыша албай бир-бирин,

Кылыч менен салышты, Бир-бирине экөө тең Берер эмес намысты!

Мындан айла таба албай,

Алкалардан алышып,

Аркы-терки барышып,

Кол тийген жерин булкушуп,

Коржоңдошуп жулкушуп,

Үзөңгүсүн тебишип,

Кол кармашып эңишип,

Аттардын бели бүгүлөт,

Карап турган калың журт Жандарынан түңүлөт.

Тайбуурул менен Алгара, Алар да айла издешет,

Тартышып турган учурда Бирин-бири тиштешет. Чунаңдашып кетишет, Бирин-бири тебишет.

Ошол кезде эр Коңур

Асабадай Семеңди Алкымынан алды, дейт, Артка тартып калды, дейт.

Айласы кетип Семетей, Ала салчу немедей, Арткы кашка барды, дейт.

Карап турган көп кыргыз Чыдай албай өкүрүп, Чуркурашып калды, дейт.

«Буруттун күнү бүттү» деп, Карап турган калың жоо Кубанычты салды, дейт.

Мына ошондо Конурбай

Үстүнөн басып Семеңди

Мыкчып-мыкчып алды эле,

Ошол кезде Семетей

Жер көтөргөн эмедей,

Ана-мына дегиче,

Ачып көздү жумганча,

Жаш чыбыктай толгонуп,

Жаш жолборстой жондонуп,

Коңурдун колун имерип,

Колтукка муштап жиберип,

Ачып көздү жумганча,

Бакалоордон алыптыр, Чыкыйга колду салыптыр! Дем ала албай Коңурбай, Оозун ачып калыптыр.

Оозунан каны тамчылап, Алгараны камчылап, Качып жөнөп калыптыр.

Ачынып калган Семетей

Ак жолборс чапкан эмедей, Атырылып кекенип, «Манастап!» ураан салыптыр.

Тоодой болгон Коңурду

Тоо кулаткан эмедей Алгаранын үстүнөн Ажыратып салыптыр.

Башын кесип ыргытып,

Кара канын, жылжытып,

Бура тартты Семетей

Кара  кытай кайгырып, Калчасынан айрылып, Кол куушуруп калды, дейт. Алдуулары кылчайбай, Алыс жолго салды, дейт.

Алакандай аз кыргыз

«Анык жоону жеңдик,– деп,–

Азыр тийди теңдик»,– деп,

Үпчүлөрүн чечишип,

Үч кайтара бекишип,

Олжолорун бөлүшүп,

Ою менен өбүшүп,

Эл эсебин такташып, Эрдиктерин макташып,

Семетейдин кылганын

Ырчылары макташып, Элин эсен сакташып…

Тынчып жатып калды, дейт.

ҮМӨТӨЙДҮН СЕМЕТЕЙГЕ КОЛ САЛГАНЫ

Сары-Арканы жердеген,

Салышып адам жеңбеген,

Беттешкенин кыйраткан,

«Жалгыз жолборс мен» деген

Көкчөнүн уулу Үмөтөй

Көп келгенден кеп угуп,

«Манастын уулу Семетей

Коңурбайды өлтүрүп,

Кунун алды» деп угуп, Чоң казатта эр Көкчө

Өлгөнүн салып эсине:

«Семетейдин кылганы

Кудайга жагар иш эмес,

Өзүнөн башка бир баатыр Семетейге киши эмес!

Мени менен кеңешпей,

Мага боюн теңешпей,

Намысты жеке кубалап,

Манастын ушул жетими, Кайдан чыккан сугалак! Чоң чабуулдун күйүтүн Калдайган казак көрбөппү? Айдаркандын Көкчөсү Манас деп барып өлбөппү!? Коңурду жалгыз талкалап, Олжолоп үлүш бербестен, Жатып алды чалкалап.

Бул Семетей жетимден

Атамдын кунун аламын, Согушту Манас баштаган! Казатка айдап атасы

Көкчө канды баш кылып, Казактардын далайын,

Жылас кылып таштаган,

«Үлүшүмдү бергин,– деп,– Олжону тептең бөлгүн» деп,

Салайынчы эсине,

Карын бөлө болсо да, Кадырыма жетпесе, Көрүнөйүн көзүнө! Колумдан келип турганда, Тартынамын несине!

Армандуу атам Көкчөнү Жашында Манас өкчөдү. Айдап барып Кытайга Кандарды кылды көкбөрү. Кетер эмес көңүлдөн Атамдын канын төккөнү. Коңурбай болсо, өлүптүр, Менин бөлөм Семетей, Олжосун өзү бөлүптүр. Көкчөнүн уулу Үмөтөй Семетей үчүн өлүктүр!

Семетей менен күрөшөм,

«Атамдын кунун бергин» деп, Олжосун теп-тең бөлүшөм!

Бул сөзүмө көнбөсө, Тоодой болгон Буурулду Күч менен тартып аламын!

Дөөгүрсүгөн эрлерин

Төбөгө чаап, кул кылып,

Үйүмө жумшап аламын!»

Деп, ошентип, чамынып, Үмөтөй сөздү курганда, Айдай болгон Акеркеч:

– Ой, балам! – деп кеп айтат,–

Тууганың сенин Семетей

Кадырманың Каныкей

Өзүм менен бир тууган, Семетей менен Үмөтөй – Экөөнөн чыккан бир тууган. Бир туугандар чабышса, Ким да болсо айтпайбы, Буларды кандай жин урган! Айтканың, балам, кеп эмес, Акылга түшөр эп эмес!

Ал дагы – ата жалгызы, Сен дагы – ата жалгызы. Эки жалгыз кармашса, Кудайдын тиер каргышы!

Кагылайын кулунум,

Семетей оңой шер эмес,

Кылчайбай сайып кеткендей, Кыргызың оңой эл эмес. Өлгөн сайын өрчүгөн,

Түгөнгөн сайын түтөгөн, Эрдиги бөтөн келген журт, Кытайга кайрат берген журт.

Кармашканын койбогон,

Караңгыда калт этпес,

Кабыландай жойлогон,

Элдешсең, жолу даңгыр журт, Эрегишсең, жеңилбес, Ак ыйыктай алгыр журт.

Карын бөлөң Семетей

Караан кылат өзүңдү,

Мыктап угат сөзүңдү,

Кыяматтык кыйышпас, Күтүп алат өзүңдү.

Казак менен кыргызың

Бир буудайдын тукуму, Бир адамдын укуму.

Билгин, балам, ушуну!

Чоролор атың сугарар, «Кан Үмөтөй» дедиртип,

Даңкыңды кыргыз чыгарар.

Сениң атаң эр Көкчө

Кабыландай эр эле,

Бир-бирине кадырман Манасы менен тең эле.

Жоону бирге жоолашкан, Доону бирге доолашкан, Манас экөө шер эле. Тилимди алып кой, балам, Кыянат ойду жой, балам! Үмөтөй менен Семетей Бириксеңер,– той, балам!». Эне сөзүн Үмөтөй

Элес кылып койгон жок, Ичинде турган кара кир Ойлонуп чунак жойгон жок.

Эки сан баатыр кол менен,

Эңкейиш тарткан жол менен,

Кирген суудай шаркырап,

Ак сооту жаркырап, Сан эрендер шалкылдап, Таласты көздөй жол тартты.

Бул кабарды укканда,

Айласы кеткен Семетей,

Акылман абаң кан Бакай,

Капа болгон Каныкей, Чоролордун көзүнчө Маслакат салды өзүнчө: – Кыргыз, казак эзелтен Түбү чыккан бир элден.

Туугандыкка не жетсин?! Эскини эстеп жоолашып Кан төгүлүп кетпесин. Үмөтөйдүн алдынан Белегин алып алтындан Күлчоро чыгып эскертсин. Энелеш казак бөлөсүн

Урматтап, сыйлап көндүрүп Жолунан кайра жөнөтсүн. Кең сүйлөшүп, кеңешип Ушундай ойго келишти. Күлчорону атказып Жол батасын беришти.

«Жоо» дегенде сүйүнгөн,

Көпкөк темир кийинген,

Алманбеттин Күлчоро,

Жоо-жарагын шайланып,

Алгыр куштай айланып, Үмөтөйдүн колуна Жетип барып кеп салды:

– Ак тулпардай сүрөөндөш, Ак буудайдай үрөөндөш, Үмөтөй бөлөм, аманбы? Ата конуш Сары-Арка Белиң аман жатабы?

Ала байрак көк жебе,

Айтылуу казак үч урук Элиң эсен жатабы?

Акеркеч аттуу таяэжем,

Энең эсен жатабы?» –

Деген кезде Үмөтөй

Үзүр сөзгө келбеди, Үйрүлүп жообун бербеди.

Арпасын чийки оргонсуп,

Атасы көкжал Көкчөнү

Манас кармап сойгонсуп, Каарданып күүлөндү:

– Кыргыздардын Манасы

Эр Көкчөнү жеп салып

Жетим кылды баласын,

Атамдын кунун бербесе,

Семетейге айтып бар,

Курут кылам калаасын! –

Деп Үмөтөй сүйлөнүп,

Кагып ийчү токмоктой, Күпүлдөдү күүлөнүп.

Мындай сөзгө чыдабай, Ызасы келип аябай, Жообун айтты Күлчоро:

– Кагылышкан кармашта

Атаң Көкчө кан өлгөн, Атакем менин Алманбет, Кармашып жатып ал да өлгөн. Кырк чоронун кымбаты, Кыйын Сыргак дагы өлгөн. Кылымды бузган кыйындын Кымбатынын баары өлгөн. Өткөндү эстеп чырдашпай, Тууган бойдон калалы! Олжо болсо эсептеп

Тепе-тең бөлүп алалы,–

Деп, ошентип Күлчоро

Акыл кептен салды эле, Кудай урган Үмөтөй

Күрүлдөдү дагы эле:

– Алты канды Кытайга

Эс алдырбай кырк күнү

Кошуунду кыйнап айдаткан, Көй баатырдын баарысын Чет-Бээжинде кыйраткан.

Артында жетим-жесирди

Боздотуп күндө ыйлаткан,

Чыккынчы кытай карабет

Атакең сенин Алманбет! –

Деп бакырды Үмөтөй

Айткан жайды кенебей,

Айыгышкан эмедей,

Алдында турган чорону Бучкагына теңебей.

Ызаланган Күлчоро

Жарылып кете жаздады,

Ала калып найзасын, Үмөтөйдөй баатырды Ыргыта сайып таштады. Эр Көкчөнүн элинен «Каныбызды сойдуң» деп Каршы чыккан болбоду. Эки элдин болчу согушу Ошону менен токтоду. Билгенде муну Каныкей Капа болду абыдан: – Э, кокуй күн! Чунагым, Ушулбу сенин кыларың? Ээликкен менен Үмөтөй Чынында сенин тууганың. Тууганыңды өлтүрүп, Муунунду өзүң муунадың!

Кармашкан душман аз эмес, Канатташ тууган казак журт, Канында бизге кас эмес.

Кылганың жакшы болгон жок, Жакалашып жоо келсе, Казактан жакын тууган жок!

Бир тууганым Акеркеч

Жалгызынан айрылды,

Кайкалап жаткан көп казак Канына  катуу кайгырды.

Акеркечтин алдына

Даярданып баргыла Күнөөнү алып моюнга Кечирим сурап алгыла!

* * *

Күнөөсүн тартып Семетей,

Жер каптаган мал менен,

Көз кайкытар зер менен

Калың казак элине,

«Үмөтөйдүн куну,– деп,– Акеркечтин алдына

Алпаралык муну,– деп,– Эчен төөгө жүктөтүп,

Калкына кара кийгизип,

Калың казак элине

Кайгырганын билгизип,

Бөйрөктөрүн таянып,

Кошок айтып ыйлатып,

Жылуу-жумшак сөз тапкыч

Чечендерди жыйнатып,

Үмөтөйдүн эрдигин

Ырчыларга ырдатып,

Бөлөк тизип тулпарды,

Ар бир эрдин колуна

Бирден берип шумкарды,

Тулпарлардын баарысын

Үртүк менен үптөттү, Үмөтөйдүн өлүгүн Нар буурага жүктөттү.

Семетейге Канчоро Абаке, деп кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат:

– Ызаалуу иним Күлчоро Казактын канын өлтүрүп

Кыргызды жер каратты, Күнөөнү сизге көтөртүп Ыңгайсыз жайды жаратты.

Биз күнөөлүү болгон соң

Кексиз болуп кетелик,

Үмөтөйдүн кунуна

Тайбуурулду берелик! –

Макул болуп Семетей

Эртеңкисин кенебей,

Канчоронун айтканын

«Калпыспы?» деп элебей,

Жер чайпалткан чуу менен,

Азалуу кара туу менен, Көкүлүнө Буурулдун

Карадан үкү тактырып,

Дүңгүрөтүп дүйнөнү

Добулбасын кактырып,

Акеркечтин алдына

Кабарчысын чаптырып,

Үмөтөйдүн өлүгүн

Чоролорго бактырып Сары-аркага жөнөттү,

Эр Бакайды баш кылып…

 

КАНЧОРО МЕНЕН КЫЯЗДЫН ДОСТОШКОНУ

 Канчоро менен Чачыкей

Шыбырашып, сырдашып,

Семетейге ор казып,

Ор казганда мол казып,

Өзөктөн чыккан өрт болду, Өздөн чыккан жат болду.

Үмөтөйдүн кунуна

Тайбуурулду бергенде,

Канчоро менен Чачыкей

(Элден чыккан шерменде)

«Эми Кудай берди,– деп,– Эми кезек келди» деп,

Арамдык жолго киргени, «Ушундай» деп бир адам Душмандыгын билбеди.

Санаасы бузук Чачыкей

Сандуу жерге жүрбөдү,

Ар качандан бир качан Ушак сүйлөп жүргөнү. Канчоро болсо ар качан Күлчородон кем болду.

Күлчоронун айтканы Кимге болсо эм болду!

Кара көңүл Канчоро Кабыландай Күлүскө Кайсы жерде тең болду? Өзүн-өзү кемсинтип,

Канчоро кекти жыйнады,

«Күлүстү артык көрөт» деп, Күйүтү ичке сыйбады.

Ичинен бузук ойлонуп, Өзүнө макул ой жоруп, Семетейге кас болду, Жүрөгү кара таш болду. Муну билбей Семетей,

«Кадырманым, иним» дейт, Кара көңүл чоронун Кандайлыгы билинбейт.

Күлчоронун колунан

Үмөткө өлүм жеткенде,

Тайбуурул тартуу кеткенде,

Канчоро изин жашырып,

Душмандыгын ашырып,

Чачыкей менен кеңешип,

Семетей менен Күлүскө

Ичтеринен эгешип,

Күлчорону соймокко,

Семетейдин атагын

Жер жүзүнөн жоймокко,

Кадырлап өзүн кан кылып, Калк башына коймокко Куулук, шумдук ойлонду.

Көпөлөк учуп, куш сайрап,

Жер саймадай болгондо,

Кең Таластын оюна

Калың эл көчүп конгондо,

Капарсыз жаткан калың журт

Бейпилдикке оңгондо,

Таң атканда аттанып,

Кабагын ачып шаттанып, Жоо кийимин кийинип, Күлчорого кеп айтат:

– Тоодон кийик аталык,

Тамашага баталык,

Бечел болгон эмедей, Үйдө кантип жаталык.

Кайып жүрчүү тоолорду,

Качырата басалык,

Качантан бери бук болгон Черибизди жазалык. – Деп, ошентип, кош алып,

Он чакты жигит кошо алып,

Кең Таластын башына,

Каркайган аска ташына,

Чыга келип жатышты, Таштан теке атышты, Тамашага батышты.

Бакайдын салган тамында,

Көк жал Семең, жанында, Кара көңүл Канчоро Баштар ишин баштады:

– Жашыруун душман келбесин,

Кордукту мыктап бербесин,

Эл семирип бук болду,

Мал семирип нык болду,

Оолактап чекке барайын,

Жакшылап жолду чалайын,

Ташкенге дүрбү салайын, Талаанын баарын карайын.

Андан мындай салайын,

Анжыянга бет алып,

Аяктын баарын карайын

Коконго дүрбү салайын, Туздун кара тоосунан Туш-туштун баарын карайын.

Жакын барбы, жат барбы,

Жол жосунун ченейин,

Эл аралап, жер көрүп,

Жер бетинде кобурду,

Толуктап айтып келейин –

Деп, ошентип калганда,

«Мейлиң, барсаң, баргын,– деп,– Белдин баарын чалгын» деп, Макулдук берди Семетей.

Жооп алганда Канчоро:

– Айланайын Күлүсүм!

Далай-далай тоолор бар

Аркыраган суулар бар,

Баарын артып келейин.

Сурко¸нду бер? – деди. Эч шеги жок Күлчоро: – Атымды кантип аяйын, Максатыңа жет, – деди.

Ко¸нду минип кет,– деди.

Жоо-жарагын шайланып, Азык-түлүк байланып, Канчоро жолго салды эми.

Аркырата жол жүрүп,

Ал күнү катуу мол жүрүп,

Олуя-Ата, Меркини

Как ошондон беркини, Бура тартып бир жерге, Канчоро конуп калды эми.

Эртеси күнү болгондо, Намангенди бет алып, Аркырата жүрдү эми. Анжыянды каратып,

Абдан дүрбү салды эми:

«Атаңдын көрү, эр Кыяз, Атаңа наалат кер Кыяз, Убададан  танганбы?

Унутуп мени калганбы!

Жансыздын сөзү жалганбы?»

Болжошконун чоронун

Жедигер каны эр Кыяз

Кездешер жерде жок болуп,

Ар санаасы токтолуп,

Үшкүрүп турган чагында,

Күркүрөп мылтык угулду,

Укканда муну Канчоро

Коктуну көздөй бурулду – Эр Кыяздын өзү экен!

Сырдашып жүргөн досуна Канчоро айткан сөзү экен:

– Курчанган курум сен элең, Кубат кылган эр элең, Айткан кепте барсыңбы? Экөөбүздүн антыбыз Кадимкидей калсынбы? Эр Толтойду өлтүргөн Канкорго эми кез келди!

Кагылайын кан Кыяз,

Айтышкан антты бузбасаң, Кезек бизге тез келди!

Таласта азыр киши жок, Элдин баары жайлоодо, Суусамырда, тойлордо. Ордодо калган кырк чоро Эчтеме менен иши жок.

Ушул кезде Семетей Тайбуурулдан айрылып, Мокоп калды, мизи жок.

Он беш күндө даяр бол, Мен кетейин Таласка, Эсебиңден адашпа!

«Атабыз өткөн Манастын

Күмбөзүнө баргын» деп,

Арбагына Манастын

Бата кылып калгын!» – деп, Азгырып алып келейин. Кылгылыктын баарысын Бирин койбой кылалык. Ээрчитип келген чоросун, Ошол жерден кыралык!

Чынкожо, Толтой куну үчүн,

Канчоронун ары үчүн, Семетейди ал жерден

Кабыргадан басалык.

Канын суудай чачалык! –

Деп, ошентип калганда,

Канчоро муну айтканда

Алдындагы тулпарын

Кыяздын көзү чалды эми, Капаланып ичинен Досуна айтып салды эми:

– Мына бул минген тулпарың

Агамдын аты көрүнөт, Агамдын атын көргөндө,

Көзүмдүн жашы төгүлөт.

Сурко¸н деген ушубу?

Ко¸н сындуу мал экен.

Чачыкей өңдүү сулуусун

Ушуну минип алдырган, Абакем алсыз жан экен!..

Семетейге барам, деп Агамдын кунун алам, деп Кекенип калды кан Кыяз.

Убаданы бектешип, Канчоро, Кыяз чектешип, Айрылышып калды эми. Кара мүртөз Канчоро Кайра жолго салды эми…

Ат аябай жол жүрүп,

Күндөп-түндөп мол жүрүп,

Бир адамга билинбей,

Бир кишинин көзүнө

Кандуу чоро илинбей, Түндө келип күлүктү Таң ашырып салды эми. Чачыкейдин үйүнө Жыла басып барды эми.

Уурулардай кыбырап,

Укмуштарын шыбырап,

Кан, канышай болгонсуп, Кадыр менен толгонсуп,

Экөөнөн башка киши жок,

Өңгө жандын иши жок,

Кучакташа жатышып,

Кызыктарга батышып,

Бири – каныш, бири – кан,

Ой түбүнө батышып, Ойлорунча болушуп,

Ополуудай оңушуп,

Кылган иштин баарысын

Баатырлыкка жорушуп,

Эртең менен болгондо,

Тамак-ашка тойгондо,

Кара жүрөк Канчоро Семетейге, Бакайга,

Баарына келип кеп айтат:

– Кагылайын абаке!

Айлана-тыптынч,– деп айтат. – «Как» деп учкан карга жок, Кармаша турган калба жок. Тегеренип карасам,

Терс кыялдуу мал да жок, Олуя-Ата, чоң Ташкент, Ошонун баарын карадым.

Жыргап, куунап эл жатат.

Жалбырак учуп, күз болуп, Сары алтын болуп жер жатат.

Эгиндин баары бышыптыр, Ак төөнүн карды жарылып, Эл тоюнуп тыныптыр.

Өчөшкөн бизге жоо болбойт,

Ушул быйыл жоо болсо,

Бүт кырылып, соо болбойт!  – Муну укканда Семетей

Канчоронун кебине

Эч шеги жок дегеле,

Буйругун берди элине:

– Жайланып жата бергиле,

Эркин ойноп куш салып,

Той берип, шерне жегиле! – Ыраазы болуп эл кетти. «Эми Кудай берди» деп

Кандыгын ойлоп Канчоро

Көңүлүн көккө дегдетти…

 

КАНЧОРОНУН КАСТЫГЫ

Канчоро менен Кыяздын

Белгилүү күнү болгондо,

Кармашка келген калың кол

Капчыгайга толгондо, Семетейге Канчоро, Кылдаттык менен кеп айтат:

– Айланайын Кан-Төрөм,

Бая күнү чалгынга

Сурко¸н минип барганда,

Күмбөзүн көрүп Манастын Аябай калдым арманда.

Душмандар келип бузганбы,

Чагылган түшүп урганбы, Эшик жагы сыртынан Кыштары урап калыптыр.

Ак күмбөзгө баралык,

Ак боз бээни жаралык, Атабыз Манас арбагын Бир кубантып алалык!

Көптөн бери баралбай, Көңүлдөн чыккан турбайбы! Тайыбасак Манасты, Арбагы бизди урбайбы!

Чоролор менен Семетей Ак боз бээни бош алып, Таластын суусун кечти эми. Өйүздөгү күмбөзгө Бардыгы барып жетти эми.

Казанга отту жандырып,

Арбагына Манастын

Ак боз бээни чалдырып,

Кабыландай Семетей,

Кара ташка отуруп,  «Кечиргин,– деп,– жалгызды», Көзүнүн жашын агызды. Ал аңгыча болбоду, Айлантып өлүм торгоду!

Май-Булактын башынан,

Бакайдын кызыл ташынан, Ак ала желек туу менен, Кыяздын колу көрүндү.

Алдынан чыгып Канчоро

Кыяз менен көрүшүп,

Кол кармашып, өбүшүп, Аралашып калышты.

«Кыяз!» деген чуу менен,

Ак асаба туу менен,

Семетей менен Күлүстү Тегеректеп алышты.

Баатырдын уулу Семетей

Кылычын колго алалбайт,

Камчыдан башка жарак жок,

Душманга каршы туралбайт,

Мына ошондо Канчоро

«Эми Кудай берди» деп,

«Кезек мага келди» деп,

Алдынан чыга калды эми,

Кезешип жүргөн душманча, Семетейди жүрөккө Найза менен сайды эми.

Ошол кезде Семетей,

Эрип кеткен эмедей, Кыймылдабай, унчукпай, Көзгө түшпөй жок болду. Кайсалактап калың жоо Баатырды таппай токтолду… Жедигер каны эр Кыяз Аң-таң калды элейип. Семетейди таба албай

Туруп калды делдейип.

Тирүү десең – жерде жок, Өлүү десең – көрдө жок Кайда кетти Семетей?

Аны көргөн пенде жок! Жараланган Күлчоро Кансырап жатып бакырды: – Абийри жок Канчоро, Чымын элең, дөө болдуң,

Өзөктөн чыккан өрт болдуң!

Жакындан чыккан жат болдуң! Ушундай беле көрөрүм?!.

Өз досуман өлөрүм!.. –

Күлчородон ал кетти, Бүт боюнан кан кетти.

Чоронун баарын байлашып,

Канчоро менен кан Кыяз

Жөнөп калды ордого

Өздөрүнчө эрдемсип,

Эзелки жоосун жеңгенсип, Кан ордого барышты.

Ал жердеги чоронун

Баштарын алып салышты,

Чыйырды менен Канышты

Чыркыратып күң кылып, Айчүрөктү тул кылып,

Чачыкей деген канчыкты Каныша кылып алышты. Карыган кан Бакайды Малчы кылып салышты.

Кайгыга түшкөн Каныкей

«Жалгызымдан калбайм,– деп,–

Жабыгып жүрүп өлбөйм,– деп,–

Тирүү жүрүп кордукту

Канчородон көрбөйм,– деп,– Канжарды алып колуна Жарынмак болду «өлөм» деп.

Ошол кезде Айчүрөк

Тырмак тийген бетинен

Кочкул канын тамызып, Ыйлады жашын агызып:

– Айланайын энеке, Кайратыңыз канаке? Өлбөсөк, тиер күнүбүз, Кудайга жетер үнүбүз! Үмүттү үзбөй, энеке, Жанымда туруп туруңуз. Жалгызыңдан бир туяк – Белек калган өңдөндү. Өсүп чыгып, кек алчуу Зерек калган өңдөндү. Аман-эсен төрөлсө Тутка болор элине.

Өлбөй туруп, энеке,

Ошол күндү көрөлүк, Айланайын энеке, Ошондон кийин өлөлүк!

Кантип аман сактайбыз Асылдан калган баланы!

Акылманым, энеке,

Ошонун жолун табалы! –Деп буркурап Айчүрөк

Канжарын алып ыргытты, Кайраттанып Каныкей

Көзүнүн жашын кылгыртты…

                                                  Соңу.

СЕЙТЕК

КҮЛЧОРОНУН ТУТКУНДАЛЫШЫ

Кара мүртөз Канчоро Семетейдин чоросун Бирин койбой кырыптыр.

Жылгындуу Кең-Кол, Чоң Талас, Адам өлүп, кан агып,

Талоонго түшүп тыныптыр.

Семетей атын жоюптур. «Канчоро кандын эли» – деп, Таласка атын коюптур. Канчоро, Кыяз эки арам, Чогулуп кеңеш баштады.

Канчоро кебин таштады: – Баатырларын байладык, Семетейин жайладык. Казынасын жойлодук Кумарга батып тойлодук! Күлчоро деген акмагын

Өлтүрбөй тирүү таштадык! Угуп кой, Кыяз, кебимди! Оңолуп алса Күлчоро, Секиден табат эбиңди! Күлчорону табалы!

Колу-бутун байлатып Башын кесип салалы! – Дегенде, Кыяз муну айтты:

– Семетейи өлгөн жок, Кайра тартпас чын жайга Кеткенин эч ким көргөн жок!

Жамандыкка барбайлы

Күлчорону өлтүрбөй,

Жанын тирүү сактайлы. Кас болушуп нетелик?

Желикпегин, Канчоро,

Ынтымакка жетелик! –

Дөгүрсүгөн Канчоро

Каарланып күүлөндү, Жедигердин Кыязга Ачууланып сүйлөндү: – Баатыр Кыяз деп жүрсөм, Катын Кыяз экенсиң! Тескери жакты ойлогон, Жакыр Кыяз экенсиң!

Оюна койсоң Күлүстү, Ооруган жери басылат. Ал эсине келгенде, Каныбыз суудай чачылат.

Эл-журттун баарын бүлүнтүп

Канына каршы көтөрөт,

Араң турган ойрондор

Акыры бизди өлтүрөт! – Деп Канчоро бакырды,

Жоокерлерин чакырды:

– Баарыңар мага келгиле!

Күлчорону тапкыла!

Байлап мага бергиле!

Күлчоро жаткан жерине

Жоокерлер каптап барганда,

Байлап, матап аларда

Кансыраган Күлчоро

Атадан калган кылычын

Сууруп алып кабынан,

Кайраттанып имерди,

Балбандардын далайын, Ыргыта чаап жиберди. Калганынын баарысы

Жаанын огун жаадырып

Тегеректеп калганда Күлчородон ал кетти, Денеден кара кан кетти.

Колдору шал болгондо, Койнуна кан толгондо,

Каарданып Канчоро

Оң далысын ойдурду, Оң кечирин сойдурду!

Өлүк эмес, тирүү эмес,

Чалажан кылып койдурду! Аябай сабап кердирди, Сазайын колго бердирди. Колго түшкөн Күлүстү

Караңгы жерге каматты, Камчы менен сабатты,

* * *

Канчоро деген капырың

Алтын таажы кийгенде, Алтын такты мингенде, «Канчоро кан болду!» деп.

Эрке катын Чачыкей Сүбөлөрү былкылдап, Сүйүнүп күлдү шаңкылдап: – Кан Семетей барында,

Күйүттүн көбүн билчү элек, Канчоро менен экөөбүз, Сырдаш болуп жүрчү элек.

Канчором мына кан болду,–

Деп Чачыкей сүйүнүп,

Токсон тай сойду бүлүнүп, Семетейдин төшөгүн Канчорого бастырды.

Агар алтын, ак күмүш Зарып кылып чачтырды.

Кожо, молдо жыйдырды, Ал Чачыкей катынга Канчоро нике кыйдырды. Байкуш Бакай абаңыз Боздогонун караңыз:

Карыганда чал Бакай

Ич өрттөнүп, боору чок, Кармашарга чама жок. Кең дүнүйө тар болду,

Буркурап Бакай зар болду,

Аяр жаны калбады,

Жаак кайрап, тил безеп Канчорону каргады:

– Ымыркай бала кезиңде,

Мойнуна тумар таккамын, Боорума кысып кучактап,

Алдейлеп өзүм баккамын. Кадиксиз тууган болсун деп,

Ээрчитип жүрүп эр кылгам!

Күлчоро менен тең кылгам! –

Деп ошентип кан Бакай, Боконо сөөгү болкулдап,

Боздоду шордуу солкулдап.

АЙЧҮРӨКТҮН ОЛЖОГО КЕТКЕНИ

Акун кызы Айчүрөк Эр Кыяздын көзүнө Тийген айдай көрүндү. Камап келген Кыяздын Акылы санга бөлүндү.

Айчүрөктү көргөндө,

Келбетин көрүп сынга алды, Сулуулукка таң калды:

– Айдай катын Айчүрөк

Адамдан артык жан экен,

Чынкожо, Толтой тең өлүп, Талашканча бар экен. Алган жардын кумарын Аччу Чүрөк турбайы?!

Эзелки капа, дартыңды, Жазчу Чүрөк турбайбы?

Кылымга кылып тамаша,

Кыз тоюндай кылайын,

Байбичелеп сабылып,

Эркелетип жалынып,

Кызматын кылып камынып,

Маңдайында турайын,

Айдай катын Чүрөктүн,

Айткан тилин алайын,

Айдаган жакка барайын,

Зайып кылып алайын,–

Деп ойлонуп эр Кыяз

Канчоро канга барды эми, Болгон сырын айтты эми. Канчоро аны укканда, Айчүрөктү чакырды:

– Жедигер каны Кыязга Байбиче болуп барыңыз!.

Барбаймын деп айтсаңыз. Соо калбайт, жеңе, башыңыз! – Деп Чүрөктү коркутту.

Берен жеңең Айчүрөк

Акырын сүйлөп, бек таштайт, Канчорого кеп баштайт: – Кузгундай болгон Кыязга, Төшүмдү кантип ачтырам? Семетейдин төшөгүн Душманга кантип бастырам?

Андан көрө өлөм деп,

Кудайдын каарын көрөм деп,

Күйүп-жанып Айчүрөк

Койнундагы канжарды

Кындан сууруп аларда,

Өзүн союп салаарда, Кыяздын ыктуу балбаны Чүрөктүн колун байлады.

Жулуп-үзүп чыга алгыс,

Торго түштү Айчүрөк, Жедигер ээси Кыязга Зорго кетти Айчүрөк. Айчүрөктү эр Кыяз –

Нике кыйып аларда, Ага-тууган молдолор

Кан сарайга барарда,

Көп ойлонуп эр Кыяз Сабыр кылып карманды, Чүрөккө айтты арманды:

– Эрешен тартып эр болуп,

Ордо күтүп, кан болуп,

Кыяз атка конгону,

Жанаалы кызы Жайнеке, Күнжү кызы Каракөз Бул – экөөнү алгамын.

Каалап алган зайыптар, Согончогу канабай,

Экөөнөн бала көрбөдүм,

Мурутум буурул болгончо Бала деп зарлап жүргөмүн.

Ишенгин менин сөзүмө, Периштедей көрүндүң, Айчүрөк, менин көзүмө. Балалуу болом эми деп Кайратты бердим өзүмө,–

Деп муңканды кан Кыяз… Чүрөктү Кыяз алды деп,

Никесин кыйып салды деп Жедигерге дуу болду,

Асманды жарган чуу болду.

АЙЧҮРӨКТҮН ТОЛГООСУ

Чүрөктү Кыяз алганда,

Таласка талоон салганда,

Акундун кызы бейтаалай,

Өлөмүн деген оюнда,

Өлбөй тирүү калганда, Семетейден бар экен, Үч айлык бала боюнда. – Кайрандан калган туяк жок, Ушундай караан дүйнө шок.

Олжо кылып бул башты,

Күчөгөн Кыяз алсын деп,

Эр туткасы эрендин,

Эл баштаган берендин

Артында тукум калсын деп, Акылман жеңең Айчүрөк Аргасыздан жүрчү экен.

Кеч кирип, күн батканда,

Калк уктап, дымып жатканда,

Арка чачын өрчү экен,

Зор Кыяздын койнуна

Жанындагы нөөкөрүн

Өзү кылып кубултуп, Жаткырып аны берчү экен.

Күндүзүндө Айчүрөк

Жан кубантып жалдаптыр, Түн киргенде Кыязды Көз боочу болуп алдаптыр.

Күн бөксөрүп ай өтүп, Чүрөктү Кыяз алганга Алты айга араң толуптур.

Ич жетилип, күн өтүп,

Тогуз ай болуп, түн өтүп,

Айдай катын Чүрөккө Жуманын кадыр түнүндө Толук толгоо жетиптир.

Жерге жарык тийгенде,

«Баа» – деп бала бакырды, Айдай катын Айчүрөк Кубанды көрүп баатырды.

«Маңдайга сайган желек деп,

Баатырдан калган белек деп,

Ыраазы болду болкулдап,

Сүйүнгөндөн солкулдап,

Төрөлгөндө бул бала,

Баладан башка көрүнүп, Аркасында кара жал  Эки айрылып төгүлүп.

Ойрону көкжал шеринин

Дал эле бала өзүндөй,

Тиктесе жүрөк жангандай,

Көрсө суусун кангандай,

Кабылан көк жал баатырдын Оозунан түшө калгандай.

«Күндөлүк күйүт жоголсо,

Аман болуп чоңойсо,

Эрешен тартып эр болуп,

Эр уулу менен тең болуп,

Жетим жүрүп жетилип,

Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,

Жерин табар бекен деп,

Жыргалдуу аргын, көп кыргыз,

Элин табар бекен деп,

Жаман катын бириндей

Боздой берип нетейин,

Андан көрө Кыязга

Ачыгын айтып берейин,

Эркек төрөп алдым деп,

Агыштын уулу Кыязга

Баланы алып барайын,

Семетейдин уулу деп

Ачыгын айтып салайын»,–

Деп ойлонуп Айчүрөк

Киндигин кесип уулунун Ак көйнөккө салды эми, Аныктап ороп алды эми. Агыштын уулу Кыязга Баласын алып барды эми. Болгон ишти болгондой Кыязга айтып салды эми:

– Сен Таласка барганда,

Канчоро менен биригип,

Эл-журтка жаңжал салганда, Семетейдин канынан Бүтүп калган боюма.

Кулак салбай сөзүмө,

Байлап, матап, зордуктап. Алып кеттиң өзүңө.

Мынакей балам туулду, Кудайым берди уулду,

Күнүлөп мени ыйлатпа,

Сай сөөгүмдү сыздатпа, Уулум менен кетиргин Ушул түнү Таласка!

Укпасаң, Кыяз, сөзүмдү

Күм-жам кылам бул түнү Балам менен өзүмдү! – Деп Айчүрөк ыйлады.

Бул сөздү угуп эр Кыяз

Жаныңдай көргөн зайыбын Жамандыкка кыйбады.

Жедигердин эр Кыяз

Жээликкен жакшы жан экен, Аңгир кыял, ак көңүл Көөдөктүгү бар экен.

– Айланайын Чүрөгүм,

Чындыкты качан айтат деп Өзүм да күтүп жүргөмүн.

Акыйкаттын алдында

Күнөөлүүмүн, сүйгөнүм, Семетейди эстесем, Кансырайт менин жүрөгүм… Сен төрөгөн баланы Өз уулумдай көрөмүн. Баланы ара туудум деп, Катындарга айта бер.

Мураскор тууп берди деп,

Урматтайт сени жедигер! –

Деп ошентип эр Кыяз

Чүрөктүн башын сылады, Бактылуу катын Айчүрөк Сүйүнгөндөн ыйлады:

– Андай болсо, өзүңүз

Балага тумар тагыңыз, Катыным уул тууду деп, Береним Кыяз, багыңыз! Мураага келген балаңды Өз бала кылып алыңыз!

Жети-Өзөн экен жериңиз, Жети-Өзөндү жердеген Жедигер экен элиңиз.

Кеңиптир чапкан жолуңуз, Аман бала чоңойсо, Ааламга жетер колуңуз.

Дурустап жакшы санааны,

Багыңыз каным, баланы! – Баланы алып колуна, Айтып турду кан Кыяз:

  • Айдай катын Чүрөгүм, Көөдөндө ысык жүрөгүм.

Жаптың артык санаамды. Таап бердиң, кургурум, Намызды жабар баламды. Ак сакалдуу карганга, Ат койдуруп аламын!

Эл-журтумду чакырып

Тоюн берип саламын! – Деп ошентип эр Кыяз Жасоолдорун чакырды:

  • Каныбыздын зайыбы

Мураскор тууп берди! – деп Мунарадан жарчылар Туш-тушту карап бакырды. Сүйүнчүлөп эл-журтту, Бешик тойго чакырды.

Жадырап келип тоюна

Калың кара жедигер

Балага ат табалбай Билген атын айталбай. Ойлосо кыйын иш болду, Күн чекеде түш болду.

Толукшуп күн толгондо,

Жан-жаныбар акактап,

Көлөкөдө болгондо,

Селдеси бар казандай,

Кыйкырса үнү азандай,

Асаба таяк колунда

Басып келди дубана

Баланын атын коюуга, «Аты Сейтек болсун!» – деп. Дубана колун жайганда, «Оомийин!» – деди бардык эл. Аты Сейтек болду – деп,

Кызыр чалып баланы,

Атын өзү койду» – деп,

Калың кара жедигер

Баланын тоюн жеп кетти, «Аман болсо, бу бала Ааламга татыр» – деп кетти.

Айдай катын Айчүрөк

Аты Сейтек баланы

Мойнуна тумар тактырып,

Алдейлетип бактырып

Кир аяктан ичирбей,

Кирдүү кийим кийгизбей,

Канаттууга кактырбай,

Камчылууга чаптырбай,

Жетимдигин билгизбей,

Жамандын тилин тийгизбей,

Боз ала туйгун болпоң деп,

Көк жалдан калган чолпон деп,

Тулпардан калган туяк деп, Белестен аккан булак деп,

Бегимден калган чунак деп,

Алпештеп бакты баланы,

Казыдан кесип жедирди, Кыяздын уулу дедирди.

Эрдикке салып кан Кыяз

Алпештеп багып Сейтекти, Эрешен тарткан эр кылды, Эр уулу менен тең кылды.

Эрге ылайык, көзү тик,

Көрсөң, бала чиркиндин

Көп адамдан сөзү тик,

Азган-тозгон элине

Бел болору көрүндү,

Бет алса жоону сүргүдөй Шер болору көрүндү.

* * *

Аны мындай таштайлы,

Армандуу болгон Күлчоро, Ошондон кабар баштайлы. Оң далысын ойдуруп, Онтоп жүрдү Күлчоро.

Сол далысын сойдуруп,

Шордоп жүрдү Күлчоро:

– Капчыгай элем, жол болдум! Айкөл шерден айрылып, Артыкча жаман кор болдум! Көргөн күнүм калың шор,

Чырмады бекем мени тор,–

Деп ошентип Күлчоро, Агарып өңү суюлду,

Эки беттен аккан жаш Акырек ылдый куюлду.

Келгендерден кеп укту, Он экиде Сейтекти Семетей уулу деп укту. Жетим, жесир, мискинге, Коргон чыкты деп укту.

Өлөйүн деп жүргөндө

Кетейин деп арынан, Кайрат кылып жүргөнү, Кенедей Сейтек барынан. Семетей уулу Сейтекти

Эрешен тартып эр кылып,

Эр уулу менен тең кылып, Белиме таңуу кылсам деп,

Кагыша кетип Кыязга

Калайманды салсам деп,

Канчоро деген акмакты

Төбөсүнөн бассам деп,

Төбөңдөн тийген чочконун

Төрт түлүгүн чачсам деп,

Күнүгө карап талааны, Сагынган экен Күлчоро Көрүүгө Сейтек баланы. «Көк жал эрдин белеги, Сейтегимди көрсөм деп,

Андан кийин курган жан,

Ажал жетсе өлсөм», – деп,

Кайгыдан чоро сабылып,

Күйүп, жанып, камыгып,

Таң кашкайып сүргөндө,

Жерге жарык киргенде,

Жылкычы башы жыластан,

Мөөнөт сурап сабылып,

Канга ийилбес шер чоро,

Салам айтып бүгүлүп, Карагулдун алдында Турган экен жүгүнүп: – Салоом да, салоом алейкум, Санжыргалуу, кан аба!

Кулуң айтат бир сөздү

Кулагың салып көр, аба,

Эчки тонум этимде,

Жаргак шым, чокой бутумда,

Кементай кетти бөлүнүп,

Эңкейсем этим көрүнүп, Кан үйүнө барууга Кийим кийип, аш ичип, Жан кубанып калууга.

Жети күн мизат бериңиз?

Ак болот элем мокодум,

Эрлик-керлик чак кетти, Өлө турган тап жетти. Сөөгүм калды шалдырап, Көзүм калды жалдырап.

Баатыр да элек, шер да элек, Кыргызга кызыл туу элек, Душманга ызы-чуу элек. Чама чарчап, кан кетти, Мен байкуштан ал кетти.

Чачып салчу чама жок,

Чалыша кетер дарман жок,

Мусапыр болду иниңиз, Баатырдыгың чын болсо, Бир жылкы күчүн бериңиз? Кан-Сарайга барайын

Кийим сурап алайын!

Мындай кепти укканда, Кайраты бар Карагул:

– Барсаң, кулум, барып кел,

Белги деп белек алып кел, Үмүт кылсаң жаныңдан, Жети күндөн калбай кел!

Кабыландын Бозбайтал,

Минем десең мына бул,– Деп ошентти Карагул.

Мына ошондо Күлчоро

Бозбайталды камчылап

Аябастан жол жүрүп,

Адыр-будур белди ашып,

Адырмак ашуу жерди ашып,

Жети-Өзөндүн боюнда,

Дарбазалуу коргонго,

Кан Кыяздын ордого, Барып жетип калды эле.

Кол куушуруп камыгып, Агыштын уулу Кыязга Салам берип салды эле!

Кыяз турду күүлөнүп:

– Ажалы жеткен бу кулдун

Азыр башын алайын,

Жол үстүнө сүйрөтүп,

Даңгыттарга жарайын! – Деп ошентип эр Кыяз.

Кара жаак айбалта

Кармай калып имерди, Шай колдогон чорону Жыга чаап жиберди.

Артык Кыяз чапканда Алдан тайып алсырап, Жыгылды чоро кансырап.

Эми айбатын саларда,

Эстен кеткен чоронун

Башын кесип аларда, Айчүрөк жетти жүгүрүп,

Тизеси жерге бүгүлүп,

Берендигин билгизди,

Ажыратып Кыяздан

Айласы кеткен чорону, Ак ордого киргизди.

Шакар менен жуудурду. Жарадар болгон далыга Кайнатма дары куйдурду.

Кыйналган байкуш чоронун Ооруган жери басылды, Умачтай көзү ачылды.

Мына ошондо Күлчоро,

Ордуна келип оңолуп, Жеңесине кеп айтат Кеп айтканда деп айтат:

– Ук, Айчүрөк, муңумду,

Өз көзүм менен көрөйүн, Боорума басып өбөйүн, Алып келчи уулуңду!

Эрен болсо, жалгызың

Белиме таңуу кылайын, Экөөлөп барып Таласка Канчоро жинин кагайын. Кашайта көзүн о¸юн

Тагына басып со¸юн!  –

Деп ошентип Күлчоро,

Айтып оозун жыйгыча,

Ачып көзүн жумганча Уз Айчүрөк жеңеси

Элпек басып керилип,

Эптүүлүгү билинип,

Атасы көкжал баатырдын Артында калган чунакты, Ак сарайга чакыртты. Сейтекти Күлүс көргөндө Акылы айран бөлүндү.

Абасы көкжал Семетей Дал өзүндөй көрүндү. Күлчоро күйбөй турабы Баланы баса кулады: – Баатырдан калган белегим, Төрөмдөн калган желегим!

Белекке калган каралдым! Качан көрөм деп жүрдүм!

Беренден калган чунагым,

Кол байланып, көз жайнап

Тордо болуп калгамын,

Кайрылып адам чыга алгыс,

Ордо болуп калгамын, Уу ачытып күбүмө, Канчоро жетти түбүмө.

Арагын ичип кутуруп,

Абамды сойду жутунуп! –

Күлчоро кебин укканда,

Эркелеп өскөн Сейтектин Көңүлү абдан бөлүндү, Көзүнөн жашы төгүлдү: – Жети-Өзөн мага жер эмес, Жедигер мага эл эмес! Не айтпады, энекем, Күйүшө турган тууганды! Талас кайда, жер кайда, Кыргыз деген эл кайда? Манастын уулу Семетей Атаң болот деп уккам. Кең колоттуу Ала-Тоо Жериң болот деп уккам! Аргын, кыргыз көп уруу Элиң болот деп уккам.

Чындык болсо энекем

Айтпайбы деп буулуккам Шер Күлчоро абакем,

Билбегенди билгиздиң.

Бүгүн көрдүм көзүңдү, Арманым жок кудайга, Ата кылам өзүңдү!

Он үчтөгү эр Сейтек,

Комокойлуу Сырнайза,

Коройтуп колго алды эми, Алтын жаак Айбалта Ач билекке чалды эми.

Сейтек менен Күлчоро

Жылкыга жетип барды эми,

Жылкычы башы Карагул

Күлчорону көргөндө, Ач бөрүдөй жутунду.

– Байтал кармап күч берсе,

Барбайганын карачы,

Бат кел десем, кечигип,

Алдаганын карачы! –

Какылдаган Карагул

Кара боолуу укурук,

Кармап колго түкүрүп, Айгырын минип калдактап, Качырып калды дардактап.

Бул кордукту көргөндө

Семетей уулу эр Сейтек

Өрттөй көзү жайнады, Кылычын алып колуна Карагулду качырды.

Карагул аны көргөндө,

Жүрөгү түшүп бакырды.

Таласты көздөй дыр койду. Жылкычы күлүп дуу болду, Асман жарган чуу болду.

Ошондо Сейтек кеп салды. Кеп салганда деп салды: – Дарманың кирди, абаке, Байыркы күчкө салыңыз!

Канчорого барарда

Шайманды сынап алыңыз! –

Деп ошентип жаш Сейтек,

Токсон катар кетменди

Катар коюп берди эми, Күлүстүн күч-кубатын, Эрдигин сынап турду эми.

Кетмендерди атууга

Шай колдогон Күлчоро

Жаасын кармап камынды, Айкөл Манас көк жалдын Арбагына жалынды.

Керилип жааны тартты эле,

Кетменди чоро атты эле,

Токсон катар кетменден Токтолбостон өтүптүр, Кетменден өтүп жаа огу Бир топ жерге жетиптир. Муну көзү көргөндө Кубанып чоро сүйүндү: – Илгерки аткан кетмендин Сексенинен өтчү эле. Андагыдан бу кезде, Өөдө болгон экемин. Жетимим келип жетилип, Толуп калган экемин!

Күлчоронун башынан Кайгы-капа жоголду,

Баатырдын иши оңолду.

 

КЫЯЗДЫН ТООТОРУДАН АЖЫРАГАНЫ

Ошо кезде Айчүрөк Күлүп сүйлөп, «төрөм» деп, Кан Кыязга айткан кеп:

  • Көкжал Кыяз, тилимди ал!Жанагы курган жаш Сейтек

Жайлоодо жүргөн жылкынын

Эсебин билип келем деп Көп болду малга кеткени. Өзөндөн аккан булакка, Өзүм барып келейин.

Тоотору атты бериңиз!

Эрке балаң Сейтектин Кайда экенин билейин!

  • Эсепсиз тулпар – ТооторуКатын минбес мал эле, Кайыптыгы бар эле.

Тооторуну берейин,

Айдай катын Айчүрөк,

Саламат барып, сак келгин, Сагындырбай бат келгин!

Кудайдан тилеп Сейтекти, Курдашым сенден көргөмүн. Өз баламды өпкөнүм,

Жеткилең балам Сейтегим, Таласка кетип калбасын! Ичинде өчпөс кеги бар Кулдун тилин албасын! Жети күндөн кечикпей Келсин уулум өзүмө, Көрүнсүн менин көзүмө!

Көңүлдө далай бушман бар

Көрө албаган душман бар, Кадуусу бийик тоо да көп, Касташа кетчү жоо да көп. Кежир тартып кечигип, Көп мушкүлгө салбасын! Алдап койсо жылкычы, Малды кырып  албасын! Өзөнгө чыгат байтерек, Өлгөндө да мал керек.

Тикенден өнөт байтерек,

Тирүүгө да мал керек… –

Жибербеске чара жок,

Баланын жолун тосууга Кан Кыязда айла жок.

Чылгый ичи өрт болуп,

Чындап каршы боло албай,

Сүйгөн жары Чүрөккө

Барбагын деп айталбай

Көк күбөнү кийгизди,

Ок жетпеген жаныбар – Тооторуну мингизди.

КЫЯЗДЫН  ӨЛҮМҮ

Таң кашкайып сүргөндө,

Асмандан жылдыз жоголуп,

Жерге жарык тийгенде, Турган экен зор Кыяз Уйкудан чочуп ойгонуп.

– Кылкүрөңүн токунуп,

Акундун кызы Чүрөктүн Кеткени жети күн болду, Берген жок мага бир кабар.

Ойкуштаган катындын

Алдап кеткен түрү бар.

Сулуу катын Чүрөккө

Бирөө колун салгандыр, Түн киргенде Чүрөктүн,

Койнуна жатып алгандыр! –

Кызганыч кыял кан Кыяз,

Өпкөсү көөп жээликти, Кызганып Айчүрөктү Карманалбай ээликти.

Кылкүрөңүн камчылап, Жолго чыкты кан Кыяз.

Кара-Кашат тоосуна,

Кароол-Таштын зоосуна, Чыгып Кыяз караса,

Көктөн түтүн бөлүнөт.

Агарып чатыр көрүнөт.

Жезнай үнү такылдайт.

Керней-сурнай бапылдайт. «Жалмаңдаган бир акмак Келип оюн салган бейм? Айдай Чүрөк бейбактын Кумарына канган бейм?

Намызданып кан Кыяз Жаткан дөбөт каштанып, Түлөгөн жору баштанып. Тозоңун тоодой уратып,

Кылкүрөң менен чуратып,

Көк жайыкка келгенде

«Кайда жүрөт «шерменде?» – Деп бакырды, кан Кыяз.

Сыр найзасын колго алып Кан Кыяздын алдынан Күлчоро чыкты далдайып.

– Абамды көздөн жоготкон Мыкаачы Кыяз сенби деп?!

Кыйлага кыргын баштаган,

Таласты кансыз таштаган,

Чыккынчы Кыяз, сенби деп? –

Күлчоро чыкты бакырып,

«Манастап» ураан чакырып,

Эрегишкен эки шер

Найза менен кагышты

Кылыч менен чабышты,

Кылыч кыйрап сынганда, Айбалта менен чабышты, Дөбө кулап, түз болду.

Кашат кулап, сай толду.

Мына ошондо Күлчоро Эрегишкен жыласты Чалкасынан салды эми.

Канжары менен Кыязды, Как жүрөккө сайды эми.

 

СЕЙТЕКТИН  ТАЛАСКА  КЕЛГЕНИ

«Чыккынчы зөөкүр Канчоро

Таласка кан болгондо,

Чоронун баарын сойгондо

Бел байлаган бел кетип,

Белгилүү тутка шер кетип,

Журт чуркурап, бөлүнүп,

Эрендин каны төгүлүп,

Кыйындын баары байланып,

Кыз олжого айдалып,

Куруп турган кезекте,

Кетейин Талас жериме,

Калың кыргыз элиме!» –

Деп ойлонуп эр Сейтек

Айчыгы алтын туу менен,

Айчүрөк, Күлүс кошулуп, Көз ачып өзү көрө элек Жерине келди эр Сейтек.

Чын кырчындын оюна,

Чоң чынардын боюна,

Жакын жетип келгенде,

Бет алдынан буркурап,

Боздоп чыкты Бозинген,

(Баатырдан калган төө экен, Бөгүп калган кези экен).

Алачыктын өзүнө

Сейтек  жетип барганда Көңүлү жаман бөлүндү, Аксап таяк таянган Кара кемпир көрүндү.

Таманы ташка быркырап, Арманын айтып Сейтекке

Боздоду кемпир буркурап:

– Саамай чачым агында, Сапарым жакын барында. Кордук көрүп артылдым, Адам эмес, шордуу баш Айбанга көкбөр тартылдым.

Өлөйүн деп өлө албайм,

Өлчөөсү кеткен өлүмгө,

Өзүм басып баралбайм, Эр Манастын тулумун Канчоронун кулумун! Өзүң кимсиң, кулунум? – Деп жалынды Каныкей. – Кагылайын энекем, Кудайым берген берекем!

Эрешен тартып эр болгон,

Семетейдин жалгызы

Неберең Сейтек мен болом! – Деп чыдабай эр Сейтек Көзүнүн жашын агызды.

Артынан келип Айчүрөк

Каныкейди көргөндө,

Ал дагы чыкты сабылып, Каныкейге жалынып:

– Колдо болот жарагым. Айланайын энекем,

Аска тоодой карааным! – Деп боздоду Айчүрөк.

Эне, бала кезигип,

Кошулуп ыйлап турганда,

Катуу кара жер ыйлап,

Жыгач боздоп, тал ыйлап,

Көргөн жандын баары ыйлап,

Калың аргын, көп кыргыз

Күлчоро  баатыр келди деп,

Эки тизгин, бир чылбыр,

Алчу Сейтек келди деп,

Калың журт кайнап топурап, Асманга учту топурак.

– Канчоро деген бузукту Арадан кууп салалы!

Семетей уулу Сейтекти

Кан көтөрүп алалы! –  Деп зарланып артыкча

Уламалуу кары айтты, Запкы көрүп кыйналган

Кыргыз журттун баары айтты.

КАНЧОРОНУН ӨЛҮМҮ

Акыл козгоп, кеп ойлоп,

Ар санааны бек ойлоп,

Күчүнө келген Күлчоро Кылычын кыя байлады, Жай жарагын жайлады.

Агасы Канчорого,

Элдештикке келишсе,

Салам айтып барууга,

Кечиришип достошуп,

Бир тууган болуп калууга,

Канчоро кандын ордого

Күлчоро кирди жүгүнүп, Тизеси жерге бүгүлүп.

Канчоро канды караса,

Жумулган көзү ачылбайт,

Сунулган буту тартылбайт,

Зың-зың этип кенебейт,

Келберсиген Канчоро

Саламга келген Күлүстү

Бучкагына теңебейт,

Каарданып күүлөндү, Күлчорого сүйлөндү:

  • Кутурган куйту арсыз кул!

Көрүнбөй жогол көзүмө!

Издебе ажал өзүңө! Жетик буйрук бир кылсам, Жеке туруп нетесиң?

Бир заматта, арсыз кул

Жерге кирип кетесиң! – Күлчоро анда кеп баштайт, Акырын сүйлөп, бек таштайт:

  • Кас кылат бизди кара таш,

Жаныбыз бирге уялаш, Акылга келсең, абаке, Кекти сууга салыңыз!

Келгенинде бир бооруң Тууган кылып алыңыз!

Айрылган баш жабылар!

Тууган кайдан табылар?!

Канчоро аба, тилимди ал! Мурунку кекти талкалап

Түбү жок сууга салалы, Баатыр аба, кайрадан Тууган болуп алалы!

Ырыс алды – ынтымак,

Бирдикте болсок бир жерде Катылып душман келеби? Кол кармашкан элиңди Эзелде душман жеңеби? Семетей абам туягын

Белекке калган чунагын, Тосуп чыгып өзүңүз Сейтек келди, көрүңүз! Акылман абам сен болсоң, Кекти сууга саларсың!

Асылдан калган иниңди,

Тууган кылып аларсың! –

Деп Күлчоро жалынып Алдында турду досунун Мойнуна курун салынып.

Эрке катын Чачыкей

Чыгып калды булкунуп, Долуланып, жулкунуп: – Арам аргын какшаалдын Арсыздыгын карачы! Атадан жетим бир болгон, Тентиген кытай баласы! Теги бузук, түбү арам, Бул арамды карачы!

Кул Күлчоро барында, Таласың сага жер болбойт!

Кыргызың сага эл болбойт! –

Жаагын жанып Чачыкей Ордодо турду күүлөнүп, Канчорого сүйлөнүп.

Каныша буйрук бергиче,

Балбан каптап келгиче,

Шай колдогон Күлчоро

Кабыландай камынды, Айтарга сөз табылды:

– Тууган деп келсем өзүңө, Душманча мойнуң бурасың!

Жеңе деп келсем, Чачыкей,

Капталдан каап турасың! –

Ачууланып  Күлчоро

Какылдаган долуну,

Кара чачтан алды эми, Коломтодо тулгага  Чабактай чаап салды эми… Канчоро турду бакырып,

«Өлтүргүлө кулду!», – деп Чоролорун чакырып.

Кайраты катуу Күлчоро Актинтесин алды эми, Так жүрөккө малды эми. Келберсиген Канчоро

Алтын тактан кулады, Жер кучактап сулады.             * * *

Намыздуу шердин тукуму

Баабединден бата алып,

Арстан ата жолуна

Ай туяк деп аталып,

Калайыкты чакырып,

Ай маңдайы ачылып,

Эл чуркурап той кылып,

Канчородон кутулуп,

Жалпы журттун баарысы,

Улукмандын карысы,

Даанышманы, чечени,

Иш билгени, нечени

Нур төгүлгөн ой кылды,

Кан болгон Сейтек баатырдын Урматына той кылды. Жылгындынын оюна,

Кең Таластын боюна,

Төрт-Күлдүн төмөн жагына,

Төрө Манас көк жалдын Сайып кеткен багына, Калк жыйылып келишти. Курун селде чалынган,

Кудайым деп жалынган, Ала-була тон кийген, Албан түрдүү жан келди.

Бабасы Бакай карган чал,

Карыса да баркы бар,

Бу дүйнөдө жарыктык

Жоголбогон наркы бар,

Капанын баары чачылып,

Ай кабагы ачылып,

Семетей уулу Сейтекке

Алтын таажы кийгизди,

Бүткүл кыргыз  журтуна Кан Сейтек деп билгизди!

Сейтек такка конгондо

Казына оозун ачтырды,

Жетим, жарды, тул катын, Малы жок кедей бакырга Сарып кылып чачтырды.

Начар менен мискинге,

Арык менен карыпка Кылча көрбөй дүйнөнү Камчыга ченеп бөлдүрдү.

Ошондо Бакай карыя,

Акылман сөзү – дарыя Кыбыланы бет алып, Батасын берди Сейтекке:

– Көлөкөлөп эл жаткан,

Какырга чыккан чынарым, Кагылайын мунарым!

Садагаң, Сейтек, кулунум

Армандуу журтту азаптан Ажыраткан маанайым, Медер кылган карааным! Алтын болсун көмүрүң, Узун болсун өмүрүң! Мингениң алтын так болсун, Маңдайыңа бак консун!

Душман жолу тар болсун!

Койгулашсаң душманга, Атаң Манас арбагы Элиңе дайым жар болсун! Сапар жүрсөң алыска,

Жол баабедин шай атаң, Балам, сени колдосун!

Жолугушуп касташкан, Душмандын жолу болбосун! Касташкандын жолуна, Кара таш тоодой үйүлсүн! Атагың чыгып ааламга Айкөлдүгүң билинсин!

Кара кылды как жарган

Калыс болгун калкыңа,

Үзүлгөндү улап бил,

Чачылган журтту жыйнап жүр, Жергелеш болгон конушка,

Журтуңдун көөнүн  оорутпа!

Акылман болсун чалдарың!

Кайраттуу болсун балдарың! Мээримдүү болсун энелер!

Ыймандуу болсун ар дайым

Кыргызда кыз-келиндер! – Батасын угуп Бакайдын Үмүттөндү калың журт:

«Буюрса түп кыргызга

Жакшылык эми болор» деп,

Канатын жайып эл-журтка

Адилет кушу конор», деп Сыйынып Көкө Теңирге Чогулган эл дуу болду.

Асманды жарган чуу болду…

Чыйырды, Бакай, Каныкей,

Күлчоро менен Айчүрөк

«Күнүбүз эми кетти», деп

«Түбөлүк сапар тартууга

Убакыт эми жетти», деп, Кош айтты эл-журтуна:

– Жаман, жакшы өткөн иш, Кайран журтум, кечип кой?!

Ала-Тоону жер кылган,

Азаматын эр кылган,

Ак калпактуу калың журт, Кыйрың менен эсен бол! Биз кеткенде сапарга,

Арка болор Сейтек бар,

Үзүлүп кетсе улачу,

Чачылып кетсе жыйноочу, Берен кутман элиң бар.

Кыжылдаган жоо келсе

Жолотуп жоону киргизбей,

Кайып болгон биздердин,

Жогубузду билгизбей,

Канаттууга кактырбай

Камчылууга чаптырбай,

Журтка балаа тарттырбай, Баш-көз болор Сейтек бар!

Бел байлаган белиң бар, Бекип жаткан кегиң бар. Биздер кеттик сапарга,

Өлбөс, журтум, кошкула! –

Алмак-салмак кош айтып

Чогулган журтту ыйлатып,

Чыйырды, Чүрөк, Каныкей

Күлчоро, Бакай абакең

Бир заматта жок болду Кайып болуп бешөө тең…

* * *

Көбү жалган, көбү чын,

Ошол күндөн ушул күн

Көпчүлүктүн көөнү үчүн,

Айтарга жомок бай болуп,

Бабаңардын сапары,

Ааламга жеткен жай болуп

«Байыркы Манас сөзү» – деп Уккандын болуп арманы

Өчпөс сөз болуп калганы.

  Соңу.

 

МАНАС НАСААТЫ

Т.Байжиев менен З.Бектенов кыргыздын көрүнүктүү тилчи, адабиятчы окумуштуулары болгон, отузунчу жылдары түштүктө ондогон мектептерди ачып, тил жана адабият боюнча биринчи окуу китептерин жазышкан, көркөм чыгармаларды жаратып, орус жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которушкан, Т. Байжиев жазган пьесалар театрлардын сахналарында коюлган. Т. Бай жиев менен 3. Бектенов «Манасты» биринчилерден болуп изилдешкен, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын жанр түрлөрүн классификациялап, теория жагынан иштеп чыгышкан. В.М. Жирмун ский, П.Н. Берков, А.Н. Бернштам, С.М. Абрамзон, М. Ауэзов, М. Богданова өңдүү дүйнөгө белгилүү окумуштуулар жардам берип, чогуу иштешип, кыргыздын адабий илиминин өсүп-өнүгүшүнө салымдарын кошушкан.

Т. Байжиев 1940-жылы Тарых жана адабият илимий институтунун «Манас» бөлүмүн башкарып, 1941–42-жылдары өткөрүлүүчү эпостун 1100 жылдыгына даярдык көрүп, бир топ макалаларды жазып, илимий изилдөө жүргүзүп, Саякбай, Молдобасан, Акмат Рысмендеев, Шапак Рысмендеев сыяктуу белгилүү жомокчулардын варианттарын кагазга түшүртүп, фондуга алдырган. Илимий изилдөө максатында Зияш Бектенов Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин айтууларынын негизинде «Манасты» кара сөз менен жазып, орус тилине которгон.

Улуу Ата  Мекендик  согуш  башталганда,  экөө тең майданга кетишет. Т. Байжиев 1944-жылы Украина фронтунан жарадар болуп кайтат. 3. Бектенов Иран чек арасын кайтарып 1946-жылы келет. Т.Байжиев СССР илимдер Академиясынын кыргыз бөлүмүндө «Манас» жана фольклор секторун башкарат. З.Бектенов илимий кызматкер болуп иштейт, эпостун 1100 жылдык юбилейине даярдыкты жүргүзүп, илимий изилдөөлөрүн улантышат. Сагынбайдын айтуусу боюнча «Манасты», Саякбайдын «Семетей», «Сейтегин» басмага даярдашат, түштүктөн Барпыны таап келип, чыгармаларын фондуга жаздырышат. Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Жеңижок сыяктуу элден чыккан улуу инсандардын чыгармаларын чогулттуруп, иретке келтиришип, өзүлөрү түзгөн окуу китептерине киргизишет.

1949-жылы 3. Бектенов Саякбайды карелофин элинин «Калевала» эпосунун юбилейине алып барып, «Манастан» үзүндү аткартып, бүт дүйнөдөн келген окумуштууларды таң калтырат. Бирок кийинки эле жылы Сталиндин совет элдеринин улуттук маданиятына каршы жүргүзгөн саясатынын негизинде «Манас» эпосу бай-манаптардын, 1937жылы жүзү ачылган эл душмандарынын идеологиясын даңазалайт. Манас кытайга кол салып мусулман динин киргизген баскынчы, мындай жомокту элге тараткан манасчылар Сагынбай, Саякбайлар улутчул реакционерлер, Молдо Кылыч, Арстанбек, Калыгулдар чыгармаларында өткөн турмушту эңсеген,  Сагынбай менен Саякбайды атактуу  жомокчулар  деп  мактап окуу китептерине киргизген Т. Байжиев, З. Бектенов буржуазиячыл улутчулдар» деген парттоктомдор чыгат.

Т. Байжиев менен 3. Бектеновдун Мамлекеттик конкурстун сыйлыгына ээ болгон  фольклор боюнча «Кыргыз адабияты» окуу китеби, «Биздин адабият», «Кыргыз тили» деген китептери окуу программасынан алынып, мектептердин  короолорунда өрттөлөт. Т. Байжиев партиядан, жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнөн чыгарылып, кызматынан  бошотулат.  1950-жылы Т. Байжиев менен 3. Бектенов камакка алынып, «эл душманы» деген өкүм менен он жылга кесилет.

Ташым Байжиев 1952-жылы 17-февралда Караганда концлагеринде каза болот.

  1. Бектенов беш жылы түрмөдө жүрүп, 1956-жылы акталып келип, Кыргыз университетинде сабак берет. 1991-жылы жашы 80ге, мугалимдик стажы 60 жылга, басмадан чыккан китептеринин саны 32ге жеткенде, «ардактуу профессор» деген наамга ээ болот.

Зияш Бектенов 1994-жылы, 84 жашында дүйнөдөн кайтты.

Алар жөнүндө:

  1. «Манас» энциклопедиясы». I том. «Мурас». 1995-ж. 126, 143-беттер.
  2. Ташым Байжиев. «Седеп». Бишкек. 2003-ж.
  3. Ташым Байджиев. Издательство «ЖЗЛК». Бишкек. 2004 г.

«МАНАС» ДАСТАНЫ

(Жалпы маалымат)

«Манас», «Семетей», «Сейтек» – кыргыз элинин миң жылдар бою оозеки айтылып келе жаткан чыгармачылыгынын  улуу мурасы.

Көлөмү жана көркөмдүгү жагынан «Манас» үчилтиги гректердин «Илиада» менен «Одиссеясы», Ирандын «ШахНамэси», армяндардын «Давид Сасунскийи», орус элинин «Князь Игорь полку жөнүндө сөз», финдердин «Калеваласы» өңдүү дүйнөлүк эпостордун катарында турат.

«Манас» жомогу кыргыз элинин өткөндөгү көчмөндүү турмушуна   зор таасир берген, ондогон кылымдар бою таалим-тарбия ала турган адабияты да, театры да, музыкасы да  болгон.

Жазуу-сызуусуз жашаган эл үчүн «Манас» үчилтик дастаны жазылбаган романдардын, летопистердин, тарыхый маалыматтардын, этнографиялык жыйнактардын милдетин да аткарган.

ХIХ кылымдын орто ченинде казак окумуштуусу Ч.Валиханов «Манас» – кыргыздардын талаа «Илиадасы», «Семетей» – «Одиссеясы» деп атаган.

«МАНАС» ЭПОСУН  ЖЫЙНОО ЖАНА ИЗИЛДӨӨ

«Манасты»  жыйноо жана изилдөө маселеси ХIХ кылымдын орто ченинде башталып,  аны эң биринчи жолу кагазга түшүргөн – Ч.Валиханов болгон. Ал «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз менен жазып алып, орус тилине которуп бастырган. Ч.Валиханов «Жунгариянын очерктери» деген эмгегинде: «Манас» кыргыздын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы, булардын бардыгы бир гана мезгилде тушташтырылып жана бир гана адамдын – Манас баатырдын тегерегине жыйналган. Бул зор жомоктон кыргыздардын жашоосун, үрп-адаттарын, географиясын, диндик, медициналык түшүнүктөрүн жана эл аралык мамилелерин түшүнүүгө болот», – деген.

ХIХ кылымда атактуу окумуштуу академик В.Радлов «Манастын»  мазмуну менен бүт таанышып, андан 2 миң сап ырды орус тамгасы менен кыргыз тилинде бастырып, немец тилине которуп чыгарган.

«Манас» кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын улуу мурасы экендигин ХIХ кылымдагы айрым окумуштуулар белгилеп кетишсе да, аны жыйноо жана изилдөө иши Октябрь революциясына чейин атайылап иштелген эмес.

1922–1926-жылдары манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусунда дастандын биринчи бөлүмү (Манастын туулганынан өлгөнүнө чейинки окуя) жазылып алынган. Сагынбай жаздырган «Манас» (көлөмү 500 басма табак) көркөмдүгү жана окуяларынын толуктугу боюнча башка жомокчулардыкынан алда канча жогору турат.

1930–1947-жылдары манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда   «Манас», «Семетей», «Сейтек» (1140 б.табак) кагазга түшүрүлгөн. Андан кийин Сейтектин баласы Кенен, Кенендин балдары – Алымсарык, Кулансарыктар жөнүндөгү окуялар жазылган.  Жакшылык, Шапак, Багыш, Тоголок Молдо ж.б. манасчылардын варианттары жазылып алынган.

МАНАСЧЫЛАР

«Манасты» аткаруучулар жомокчулар жана жамакчылар делип эки түрдүү аталат.

«Манастын» мазмунун башка манасчылардан угуп, толук өздөштүрүп, аны өзүнүн акындык чыгармачылыгы менен өндүрүп, өстүрүп,  кошумчулап  аткарган акындарды эл «жомокчу» деп атаган.  «Манастын»  айрым окуяларын үйрөнүп алып, өзгөртүү киргизбей аткарган акындарды «жамакчы» деп аташкан. Жомокчуларды  да, жамакчыларды да жалпы жонунан «манасчылар» дешкен.

Ири жомокчулар, чыгармачылык кубаты таланттуу акындар  «Манасты» өздөрүнө мүнөздүү ыкмага салып айтышкан. Ири жомокчулар илгертен бери айтылып келе жаткан (баатырлардын келбети, аттардын сыны, курал-жарактардын сүрөтү, согуш, ат чабыш ж.б. өңдүү) эпикалык калыптанган үзүндүлөрдү сактап, калган окуяларын угуучулардын таламына жана өзүнүн көркөмдүк кубатына жараша, узартып же кыскартып, өзгөртүп аткарган. Жомокчулардын чыгармачылык демилгеси дастандын негизги окуяларынын бутактанышына, көлөмү узарышына себеп болгон.

«Манастын» негизги идеясы жана сюжеттик түзүлүшү бирдей болсо да, айрым манасчылардын айтуулары  бирибиринен айырмаланып турат.

Мисал үчүн, жомокчу Сагынбай Манасты «Чоң казаттан» кайткандан кийин Меккеге баргызат.  Манастын өзү да, чоролору да «Кичи казатта» курман болот. Саякбай Манасты Меккеге баргызбайт. Манас «Чоң казатта» чоролорунан ажырап, оор жарадар болуп Таласка келип көз жумат. Сагынбай көбүнчө турмушту, үрп-адатты, табияттын көрүнүшүн өтө көркөмдүү сүрөттөйт. Ал эми Саякбай көбүнчө  жоокерлик согуштардын жүрүшүн мыкты айтат.

Ири жомокчулар «Манаска» өз доорунун саясый таламына, угуучуларынын кызыгуусуна жараша өздөрүнүн турмуштук көз карашын  көркөмдүк менен чагылдырган жаңы окуяларды, акыл-насааттарды   киргизип баяндаган.

Жамакчы аткаруучулар  дастанды өзгөртпөй, үйрөнгөн окуяларын  айтуу менен чектелген. Манасчылар элге кызыктуу «Чоң казат», «Көкөтөйдүн ашы», «Семетейдин Айчүрөктү алышы» өңдүү окуяларды   эл алдында көбүрөөк атка рышкан.

«Манасты» эң биринчи айткан жомокчунун аты белгисиз. Сагынбайдын айтуусунда: «Манасты»  эң биринчи айткан – Жайсаң ырчы болгон экен. Ал үйдүн жасалгасын эле жарым күнү ырдачу дешет. Профессор М.Ауэзов: «Жайсаң ырчы – Ырамандын Ырчы уулу (Манастын кырк чоросунун бири), Жайсаң анын экинчи аты»,– деген пикирди айтат.

«Манастагы» окуяларды бир жомокко бириктирип, көркөмдөп иштеп чыккан мындан  беш жүз жыл мурда жашаган Токтогул ырчы болгон деген да сөз бар, бирок аны аныктаган  маалымат жок.

Бизге ХIХ кылымдын башында жашаган Келдибек жомокчудан берки үчилтикти толук айткан Балык, Тыныбек, Акылбек, Чоңбаш, Чоюке, Байжан, Сагынбай, Саякбай, Дыйканбай, Жакшылык, Шапак, Багыш,  үзүндүлөп айткан Назар, Жаңыбай, Алмабек, Тоголок Молдо, Акмат, Молдобасан ж.б. жамакчы-ырчылар белгилүү.

ТҮШ  КӨРҮҮ МАСЕЛЕСИ

Манасчы-жомокчулардын көпчүлүгү дээрлик: «Түш көрдүк, түшүбүздө Манас «даарыды», ошондон кийин «Манасты» айта баштадык»,– деп айтышат.

Бардык манасчылардын көргөн түштөрү бирине-бири окшош. Алардын көбү: «Түшүбүздө Манас, Каныкей, Бакай, Алманбеттердин бирин же кырк чоросу менен чогуу көрдүк» – десе, кээси: «Түшүбүздө Семетейди, Күлчоро, Канчоролорду көрдүк. Мындан кийин бизди ыр кылып айтып жүр дешти. Түш көрүп, айтпай койгон кишини Манас же Семетей майып кылып коет»,– дешет.

Чындыгында жомокчулардын түш жөнүндө айткандары  чындыкка туура келбей турган сыяктуу. Кийинки кээ бир жомокчулардын айтымында Келдибекке Манас түшүндө кезигип: «Келдибек, сага түнөп өттүк, сенден кийин Сагынбай деген чыгат, ага түштөнүп өтөбүз. Тыныбек деген болот, ага жолуга кетебиз», – деген имиш. Бул сөздөр Келдибектин мыкты жомокчу экендигине элди ишендирүү үчүн  айтылган уламыштар экени билинип турат. Ал тургай: «Келдибек «Манасты» айтып жатканда жер титиреп, катуу шамал болуп, талаада жүргөн малдар айдатпай короого келүүчү экен»,– дешет. Албетте,  бул дагы көркөм апыртманын бир түрү – гипербола десек болот…

Келдибек өз өнөрүн, талантын түш көрүү менен түшүн дүргөн дүктөн, андан кийинки жомокчулар да анын «Манасын»  айтууну гана  мурас кылып калбастан, анын көргөн түшүн менчиктеп алышкан. Жүрө-жүрө манасчылар үчүн «түш көрдүм» – деп айтуу өзүнчө бир салтка айланган. Манасчы болууну эңсеп, бардык аракетин, кыялын «Манастын» сюжетин, ырын билүүгө  жумшагандыктан жана түшкө өзү толук ишенгендиктен айрым манасчылар чынында эле ошондой түш көрүшү мүмкүн. Бирок, ал түш манасчы болууга негиз боло албайт, тескерисинче, нак чыгармачыл жомокчунун түшүнө эпостун каармандары кирип, эл алдында тартынбай бети ачылып, «Манас» ай тууга түрткү  болушу мүмкүн.

Жомокчулар «Манасты» түшүндө көргөнү таланттын, шыктын,  чыгармачылык эргүүнүн  таасири десек болот. Жомокчулар таланттуу акын болгон. Маселен, Сагынбай «Манасты»  айта элек жаш кезинде эле ырга шыктуу болуп, айыл арасындагы той, тамаша, кыз оюндарында «секетпай» жамактап айтып жүргөн. Ал кошок, тамсил, ыр жаратып «ырчы» деген атка конгон. Саякбай да  жаш кезинде ырга шыктуу болгон. Ал ар  дайым  сөзүнө жорго сөз, макал-лакап, куудулдук кошуп сүйлөгөн.

Жомокчулар «Манасты»  үйрөнүүгө өтө берилип, бардык оюн, убактысын жумшап, жаш кезинен  атактуу  манасчыларды  айлап-жылдап ээрчип, өз үйүнөн кетишкен. Уккан жомогунун мазмунун, каармандардын аттарын, образдарын, туруктуу эпитеттерди, салыштырууларды жаттап, анан окуяны өзүнчө өндүрүп, акындык  таланты менен  көркөмдөтүп айта башташкан. Маселен, Сагынбай «Манасты» Тыныбек жомокчудан, өз агасы Алышерден үйрөнгөн. Саякбай болсо атактуу Чоюкени 2–3 жыл ээрчип жүрүп үйрөнгөн. Шапак Найманбайдан,  Тыныбектен үлгү алган.

БЕЛГИЛҮҮ МАНАСЧЫЛАР

Жомокчулардын көпчүлүгү элдин эмгекчи катмарларынан чыккан.  «Манас» айтуу көп учурларда атадан балага, агадан иниге өтүп, тукум кууп кеткендиги көрүнөт. Маселен, Жаңыбайдын жети атасы «Манас» айтып өткөн, Балыктын уулу Найманбай да, Сагынбайдын агасы да, Алмабектин агасы да манасчы болгон.

Балык (Бекмурат) Кумар уулу (болжол менен 1793–1873-жж.)

Балыктын кайсы жылы туулуп, качан дүйнөдөн кайтканы белгисиз. Ал Таласта туулуп, 80 жашка чыкканда Чүйдө каза болуп, сөөгү Боз-Бөлтөккө коюлуптур.

Балыктын уруусу чоңчарык аталып, сарбагыштын бир бутагы болот. Кожо, Көкүл, Толубай аттуу үч атанын балдары Таласка көчүп кетишет. Көкүлдүн неберелери, анын уулу – Кумар, андан – Бекмурат (Балык). Бекмураттын оозу балыктын оозуна окшоп болгондуктан, «Балык» деген атка конгон.

Балык атасынан жашында жетим калып,  малай болуп иштейт. Ал сокуну кыйын жанчып, бир буум тарууну тез эле актап койчу экен. Туугандары: «Сокучу болбой эле, башка иш кылсаңчы» – десе, ал: «Чеке тердеп, адал кызмат кылганды артык көрөм», – деп жооп берчү экен.

Балык малайлыкта жүргөн кезде, кыргыздар Кокон канына караган. Олуя-Атада (азыркы Жамбыл) Кокон канынын беги  казак-кыргыздан салык жыйдырып алып турган. Таластагы кыргыздын чоңдору тартуу катарында Балыкты бекке кызматчы кылып беришет. Балык кызматы менен  жаккандыктан, улук аны койчуларына башчы кылып Наманганга кой айдатат. Балык «Манасты» айтып, Намангандын чоң улугу Кушубекке  да жагып калат. Ал улукту Балык мактап ырдайт. Кушубек Балыкка ат мингизип, тон кийгизип, Таластагы Ажыбек, Бүргө деген чоңдоруна: «Балыкты жакшы күткүлө», – деп буйрук жиберет.

Балык өзүнүн акындыгы, акылмандыгы менен бат эле бүткүл Таласка кадырман болот. Ажыбек менен Бүргө Балыктан кеңешсиз иш кылбай, чынында элди Балык бийлеп калат.

Барган сайын Балыктын акындыгы күчөп, даңкы бүткүл кыргыз элине жайылат. Солтонун манабы Байтик Балыкты өз жанына чакыртат, бирок ал өзү өскөн Таласты, элин таштап кете албай, эки жылча жүрөт. Байтиктен экинчи жолу киши келгенде, Таластагы элден ыраазылык алып Балык Чүйгө көчөт.

Байтик каза болгонго чейин Балык анын жанында болот. Кокон канынын Пишпектеги улугу Рахматулланын зордук-зомбулугуна каршы үндөп, аны өлтүрүү ишинде Балыктын ролу чоң болгон. Байтик каза болгондон кийин, Балык Кочкорго көчөт. Анда 3 жыл туруп, Шамен деген манап менен каршылашып, кайра көчүп келип, калган өмүрү Чүйдө өтөт.

Балык «Манасты» жигит болгон кезинде айта баштайт, көптөгөн лирикалык ырларды да жаратат. Элдин айтууларына караганда Балыктын акындыгы эң күчтүү болгон. Ал окуяны уккан кишидей эмес, Манас менен бирге  жүрүп  катышкандай  айтчу экен.

Балыктан кийин анын уулу Найманбай да чоң манасчы болуп, атасынын ишин улантып ордун басат.

Келдибек Карбоз уулу (1800–1880-жж.)

Бизге белгилүү манасчылардын улуусу – Келдибек. Андан мурдагы манасчылар жөнүндө эл оозунда айтылып жүргөн гана маалыматтар бар.

Келдибек Чүй өзөнү Жел-Арык айылында туулуп, 80 жаштарында, 1880-жыл чамасында Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болгон экен.

Ал «Манасты» 17–18 жашында айта баштайт.

Келдибек «Манас» эпосунун үчилтигин толугу менен айткандыктан  кийинки жомокчуларга таасири күчтүү болгон. Ал  «Манасты»  түрдүү кыймыл-аракеттер менен аткаргандыктан, өзү төрдө отурган болсо ирегеге жетип келчү дешет.

Тыныбек Жапый уулу  (1846–1902-жж.)

Тыныбек 1846-жылы Ысык-Көлдүн тескей жагындагы Кайнар айылында туулуп, 1902-жылы Нарында  Туюк деген жерде дүйнөдөн кайткан. Тыныбектин атасы Жапый кедей болгон.

Ал жаш кезин көбүнчө мергенчилик менен өткөрүп, атасынын колунда жүрөт. 25 жашка чыкканда атактуу жомокчулардын катарына кошулуп, эл арасына даңкы жайылат.

Ошо кезде көл башындагы Назар деген акын менен айтышып, аны жеңип жүз сом, бир ат мөрөй алат.

Тыныбек «Манасты»  айтуудан мурда ар кылдуу ырларды да аткарчу экен. Ал эмгекчил, кичи пейил, адилет киши болгон. Кээде жатакчылардын айлына өзү барып, «Манас» айтып берчү экен.

Тыныбек Чоңбаш, Келдибек, Назар деген ири жомокчулардан таалим алып, Балыкка да барып, андан үйрөнүп келиптир.

«Манасты» сизден кимдер үйрөнүп жүрөт?»,– деп сураганда Тыныбек: «Сагынбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Касымбай, Байбагыш, Кожоберди, Дөңүзбай, Жакыптар үйрөнүп жүрөт» – деп жооп берчү экен.

Тыныбек өз тукумунан манасчы калса экен деп, өлөр алдында баласы Сооронбай менен жээни Байбагышты айттырып көрүп: «Балам Сооронбай, сен көп арбыта албайт экенсиң, Байбагыш дурус жомокчу болуп калыптыр»,– деп баа бериптир. Кийин анын небереси Актан Тыныбеков – көрүнүктүү эл акыны болот.

Тыныбектен «Семетейдин» гана үзүндүсү жазылып, 1925-жылы Москвадан өзүнчө китеп болуп чыккан.

Байымбет Абдрахман уулу (1860–1942-ж.)

Ак-Талаадагы Куртка айылында туулган. Кийин айылдык диний мектепти бүтүргөн. Чоң атасы белгилүү обончу болгон. Өз атасы комуз чертип, элдик ырларды мыкты аткарган. Байымбет алардан таалим алып, далайдалай ыр-дастандарды кагаз бетине түшүрүп, эки жылы Жаныбек манасчыны ээрчип жүрүп, кийин Сагынбайга жолуккан. Өзү «Манасты» 23 жашында айта баштаган.

Тоголок Молдо манасчы катары гана эмес жазгычакын, тамсилчи, мыкты кошокчу катары кеңири белгилүү.

Шапак Ырысмендеев (1863–1956-жж.)

Шапак азыркы Кочкор районунун Шамшы айылында 1863-жылы туулган. Шапактын атасы Ырысменде оокаттуу  болуп, мергенчилик да кылган.

Шапак 13 жашынан кой багып, 16 жашынан  эгин эгип,  жылкычы болот. «Манасты» бала кезинде эле айта баштаган, бирок манасчылыкты негизги кесип кылган эмес. Ал  колхозчу дыйкандардын чогулган жерлеринде «Манас» менен «Семетейди» жана башка эл жомокторун айтып жүргөн.

Шапак «Манасты» 13 жашынан тартып үйрөнө баштап, өз тушундагы атактуу жомокчулардын дээрлик бардыгынан таалим алган. Ал бала кезинде үч жылча Балыкты ээрчип жүрүп «Чоң казаттан» тартып, Манас өлгөнгө чейинки окуяларды бүт үйрөнөт. Алманбеттин жомогун Шапак Балыктан угуп, Саякбайга айтып берген экен. Шапак Акылбекти да көрүп, андан «Чоң казатты» угуп, «Сейтекти» бүт үйрөнөт. Стиль, сюжет жагынан Шапактын «Манасы», «Семетейи» Саякбайдыкына окшош, кээ бир окуялардын гана өзгөчүлүктөрү бар.

1935-жылдан баштап, Шапактан 200 басма табакча «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана «Мендирман», «Жаныбек», «Аяз» деген жөө жомоктор, макал, лакап, табышмактар жазылган.

Чоюке Өмүр уулу (1880–1925-жж.)

Чоюке Ысык-Көлдүн Түргөн деген жеринде туулуп, 1925-жылы 45 жаштар чамасында каза болгон. Чоюке атасынын Кененбай деген тууганына жигит болуп, АтБашы, Нарын жактарга барып  «Манас ты»  айта баштайт. Манастын күмбөзүн көрөм деп, Таласка барат. «Манас» айтып жүрүп Чүйгө, Ысык-Көлгө келип, 1916-жылкы көтө рүлүштө эл менен кошо Кытайга качат. Ал жерде аялы жана балдары өлүп, эл-журтуна жалгыз  келет.

Чоюкенин устаты Акылбек деген жомокчу болгон. Чоюке «Манас ты»  20 жашка чыкканда айта баштап, үчилтикти толугу менен билген. Ал айрыкча Бакайдын аңгемесин айтканда, уккан эл ыйлап отурчу дешет.

Жаңыбай Кожеков (1869–1942-жж.)

Белгилүү манасчы, Жумгалда туулуп өскөн, эл-журтка чоң семетейчи катары белгилүү.

«Манасты» атасы Кожектен үйрөнүп, он алты жашында айта баштаган, чоң атасы да манасчы болгон.

Жаңыбайдан «Семетей» толугу менен Манастын өлүмү, анын за йыбы Каныкейдин тагдырына байланыштуу негизги окуялар жазылып алынган.

 

Багыш Сазан уулу  (1878–1959-жж.)

Жумгалда туулуп-өскөн, кесиби – темир уста, «Манасты» Байбагыш Жакып уулунан үйрөнүп, өзү он жети жашынан айта баштаган, атагы чыккан манасчы Сагымбайга жолуккан.

Багыштан жазылып калган мурас: «Манастан» 41.000 ыр сап, «Семетейден» – 5.500 ыр сап, «Сейтектен» – 5.580 ыр сап.

 

Молдобасан Мусулманкулов  (1881–1961-жж.)

Белгилүү манасчы, мыкты семетейчи, акын, ырчы, комузчу, кыякчы, Нарындагы Терек айылында туулган, он жети жашынан элдик чыгармаларды жана өзүнүн обондорун аткара баштаган.

Молдобасандын айтуусу боюнча «Осман баатыр», «Акылдуу кыз», «Зулум хан» жомоктору, эпостордон «Жаныш-Байыш», «Кедейкан», «Курманбек», «Жаңылмырза», «Манастан» – 67.000 ыр сап, «Семетейден» – 39.000 ыр сап жазылып алынган.

 

Ыбрайым Абдрахманов  (1888–1967-жж.)

Белгилүү жомокчу, санжырачы, бүт өмүрүн кыргыз элинин оозеки чыгармаларын чогултууга арнаган фольклорист, Ысык-Көлдөгү Талды-Булак айылында туулган. Сагымбайдын «Манасын» үч жылы ээрчип жүрүп кагазга түшүргөн, Саякбайдан «Манас», «Семетей», «Сейтекти» толугу менен, кенже эпостордон «Эр-Төштүктү» жазып алган.

Октябрь революциясына чейинки акындардын бир топ чыгармаларын фондуга өткөрүп берген, өзү да «Манастан» үзүндүлөрдү айтып, оозеки элдик чыгармаларды жакшы аткарган.

 

Акмат Рысменде уулу (1891–1966-жж.)

Белгилүү манасчы, мыкты семетейчи, 1891-жылы Чүй өрөөнүндө туулган, Сагымбайдын «Манасын» далай жолу угуп, таалим алган. Акматтын айтуусу боюнча «Манастан», «Семетейден» орчундуу окуялар кагаз бетине жазылган.

 

Сагымбай Орозбак уулу  (1867–1930-жж.)

Улуу жомокчу Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга  деген  жерде туулуп, 1930-жылы Кочкордо каза болот. Сагымбайдын атасы Орозбак Ормон кандын сурнайчысы  болгон.

Ормон өлгөндөн кийин Орозбак Кабыргага көчүп барат. Сагымбай ошо жерде төрөлүп, анын 12–13 жашына чейинки балалык чагы Кабыргада өтөт. Атасы өлүп, турмуштан кысылган кезде, Сагынбай Кочкорго көчүп, эки жылдан кийин Чүйгө, азыркы Кичи-Кеминге келет.

Сагымбай 9–10 жашка дейре козу кайтарып, эр жеткенде эгин эгип, дыйканчылык  кылган.  «Манасты» айтып элге белгилүү болгондо, кара жумушту таштап, кесиби «Манас» айтуу болуп калат.

1916-жылы эл үрккөндө, Сагымбай үй-бүлөсү менен Кытайга качат. Кыргыздар  көргөн ач-жылаңачтыкты, кордук-зордукту өз көзү менен көрөт. Ал жерде да Сагымбай «Манасты»  айтып жан багат.

Сагымбай үй-бүлөсү менен Кытайдан 1917-жылы келип, көпчүлүк элдин колдоосу менен бала-чакасын өлүмжитимден аман алып калат.  Ал эскиче китептерди окуй алган,  дин жана шариятты  билген молдо болгон, бирок кат жазууну билген эмес.

Сагымбай таланттуу акын, эң чебер жомокчу болгон, аны Кыргызстандын түштүк жагы, Көл бою, Талас өрөөнү да дайым чакырып, «Манас» айттырып, сыйлап турган. Ал бай-манап өкүлдөрүнүн чөйрөс үндө чындыкты айтып ырдаган. Буга анын «Замана» – деген термеси күбө. Сагымбай бул ырында замандын бузулганын, «жакшылардын» жолдон чыкканын, турмуштун оор болуп бара жатканын, элдин эзилгенин айтат. Мурунку баатырлар  заманын көксөйт, болуп жаткан тарчылык-зарчылыктын себеби Кудайдан, ыймандан, калыстыктан кеткендикте дейт.

Сагымбай жашынан эле ар түрдүү мыскыл ырлар жаратып, теңтуштарын күлдүрүп жүрчү экен. Ал 16 –17 жашка чыгып, «Манас»  айтып, чоң жомокчу болуп таанылгандан кийин да лирикалык ырларын уланта берген. Сагымбай  элдик ырларды да көп билген, бирок алар анын оозунан жазылбай калды.

Сагымбайдын агасы Алишер да жомокчу болуп, «Семетейди» айрыкча жакшы айтчу экен. Сагымбай «Манас» айта баштаганда, Алишер: «Бир үйдөн бир эле киши айтса болот»,– деп манасчылыгын инисине берген дешет. Сагымбай Чоңбаш, Тыныбек, Найманбайлардан, Балыктан, Келдибектен үлгү алган. Ал Келдибекти 70тен ашкан кезинде көрөт. Атагы чыккан жомокчу жаш Сагымбайга «Манасты»  айттырып көрүп, жактырып, «обонго жетише элек экенсиң» – деп, обонду, кол шилтөөнү жана башка кыймыл-аракеттерди үйрөтөт.

Сагымбай бул акындардан үйрөнүү менен бирге, «Манаска»  өзүнүн чыгармачылыгын да көп кошкон. Философиялык көз карашын киргизип, белгилүү окуяларды тереңдетип, устаттык менен байытып, каармандардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чеберлентип, дастандын сюжетин бутактантып өстүргөн. Сагымбай өзү молдо болгондуктан, «Манаска»  диний элементтерди да көп киргизген. Сагымбайдын варианты  Саякбайдыкынан гана эмес, эң атактуу манасчы Тыныбектикинен да өзгөчө. Тыныбек буга нааразы болуп: «Сагынбай, сен «Манаска» көп кошумча кошпой, нак айт!» – дептир. «Манастын балалык чагы, Меккеге барган жерин бир топ кеңейттим»,– деп Сагымбай өзү да  айткан экен.

Совет өкмөтү курулган жылдары Кыргызстанда билим, илим жана чыгармачылыкты жакшы тейлеген Ишенаалы Арабаевдин демилгеси менен Сагымбайдын «Манасы» баштан-аяк кагазга түшүрүлгөн.

 

Саякбай Каралаев (1894–1971-жж.)

Саякбай 1894-жылы азыркы Жети-Өгүз районунун, Жыдык-Көл деген жеринде кедей-дыйкандын  үй-бүлөсүндө туулган.

Саякбай жаш кезинен иниси Төлөбай менен Жыкы деген байда  малай болуп жүрүшөт. 1912-жылы Карала бала-чакасы  менен жөө  Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы Ак-Өлөң деген айылга келет.

1916-жылкы көтөрүлүштө Саякбай 22 жашта болуп, көтөрүлүш түн туусун көтөргөндөр менен бирге Кытайга качып, бир нече жолдошу менен ак падышанын армиясынын колуна түшөт. Актар качкындардын көбүн өлтүрөт. Саякбай тирүү калып, бир кулакка 1918-жылга чейин малай болуп жүрөт.

1918-жылы Саякбай кызыл партизандар катарына кирип, Алматыга барып,  аскер ишин үйрөнөт. Алты айдан кийин Чыгыш Сибирге барып, Дутов менен атаман Анненков баш болгон актарга каршы согушат. Актардын калдыктарын жойгондон кийин, Саякбай Бухара канына каршы согушка катышат. Кандын аскерин кызылдар жеңгенден кийин, басмачыларга каршы күрөшүп, 1921жылы кайта Алматыга барат да, Үч-Арал, Тарбагатай, Чөйчөк деген жерлерде чек арачы аскер катары кызмат кылат. 1922-жылы аскер кызматынан бошонуп, айлына келип, Ырдык сельсоветине төрага болуп иштейт. Ушул жерде Саякбай Чоюке менен таанышып, анын жомогун ынтаасы менен угат, таалим алат, 1925-жылдардан баштап Саякбай «Манастын»  айрым үзүндүлөрүн айта баштайт.

«Ырчы болсом экен» – деп Саякбай он алты жашынан тилей баштайт. Өзү ар нерсеге ышкыбоз, шок, шайыр жана өткүр бала болот. Саякбайга чоң энеси Дакеш «Манас» жөнүндө көп аңгеме айтып берчү экен. Саякбай ошол кезде эле сүйүү ырларын чыгарып, «Манастын»  ар кайсы жеринен анча-мынча айта коюп, өз чөйрөсүндөгү элге тааныла баштайт. Бирок таалим бере турган ири жомокчуга учурабагандыктан, «Манасты»  анчалык көп узартып айта албайт. Ал эми Чоюкеге жолуккандан кийин Саякбай «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүт айтып жана  мурда эч бир манасчы айтпаган Сейтектин уулу Кенен, Кенендин уулдары – Алымсарык, Кулансарыктар жөнүндөгү  баянды улантат.

Саякбайдын айтуусунда кенже эпостордон «Эр-Төштүк», жөө жомоктордон «Бүркүттүн жомогу», «Делдеш баатыр», «Томор мерген» сыяктуу элдик чыгармалар жазылган.

 

Мамбет Чокмор уулу

(1896–1973-жж.)

Белгилүү манасчы, Ысык-Көлдөгү Корумду айлында туулган, башталгыч диний мектепте окуган, «Манасты» агасы Доңузбай Эшимбек уулунан үйрөнүп, эпосту чоң жыйындарда кыдырып жүрүп аткарган. Чокмор уулунан «Манастын ата-бабалары», «Чоң казат», «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» сыяктуу окуялар жазылып калган.

 

 Шаабай Азизов  (1927–2004-жж.)

Бүгүнкү күндүн эң көрүнүктүү манасчысы, 1927-жылы Ысык- Көлдөгү Үч-Кайнар айылында туулган, «Манасты» атасы Азизден үйрөнүп, өзү 7 жашынан айта баштаган, Саякбайга жолугуп, анын батасын алган.

Шаабай чоң атасы Чоюкенин, атасы Азиздин, замандашы Саякбайдын чыгармачылык өнөрүн улаган мураскору болуп эсептелет.

Ш.Азизовдон «Манастан», «Сейтектен» көлөмдүү үзүндүлөр жазылып алынган.

«МАНАС»

«Манас» дастаны кыргыз элинин тарыхында болгон окуялардын негизинде жаралганын окумуштуулар ишенимдүү далилдеген. Биздин доордун сегизинчи-онунчу кылымдарында чаржайыт жашап, өз мекенинен ажырап, запкы көргөн кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз жерин баскынчылардан тазалап, эгемендүү мамлекет (каганат) түзгөн баатыр Манас атка конгон. «Манас» деген сөздүн уңгусу «маана» – иран, араб тилдеринде – коргонуучу жай.

Кыргыз маанасы – каганат кулаганда, уруулар душмандарга каршы туралбай, өз ара бийлик талашып, биримдигин жоготуп, азаттыгынан ажырап кор болгон кыргыз эли жылдар, кылымдар өткөн сайын куса болуп, зарлап Манастын доорун армандуу жомокко айландырган.

 

«МАНАСТАГЫ» КААРМАНДАР

Манас

Дастандагы бардык окуялар башынан аягына чейин Манас менен тыгыз байланыштуу. Манастан  ченеми жок баатырлыктын үлгүсү көрүнөт. Манасты мүнөздөгөндө жомокчулар апыртуу (гипербола) менен сүрөттөйт. Анын эбегейсиз күчү, ашкан кайраты тубаса өңдүү. Ал боюна бүткөндө энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот, төрөл гөндө эки уучуна уюган кара кан чеңгелдеп түшөт, оозантканда үч карын майды бир жейт, ыйласа үнү отуздагы кишинин үнүндөй барылдап, энесинин эмчегин бир соргондо – сүт, экинчи соргондо кан чыгат.

Балага ат койгондо, думана келип:

– Биринчи тыбыш «Мы» болсун:

Пайгамбардын атынан

Денең менен пейилиң

Дайым таза болсун дейт Кудайын билген мусулман. Экинчиси «ын» болсун – Нук пайгамбар белгиси.

Адамзат кетип пейилден

Топон суу каптап келгенде,

Нук-пайгамбар бир-бирден

Тирүү жан салып кайыкка Чөктүрбөй алып барган дейт Арарат – тоо жайыкка. Үчүнчүсү «син» болсун – Кайрат – будда тилинде.

Агарып таң атканда,

Кеч кирип түн батканда, Таразаң өз колуңда:

«Не жакшылык кылдым? – деп Салмагын тартып билгин дейт Бүгүнкү турмуш жолунда. Ал үчөөнү кошкондо

Аты болсун «Манас» – деп… Бата берди думана.

Манастын ысмында тазалыктын, айкөлдүктүн, камкордуктун, адилеттүүлүктүн, кайраткерликтин символикалык белгиси бар.

Манас бала чагында өтө тентек, шок болгондуктан атасы аны жылкычы Ошпурга жиберип, мал бактырып тарбиялайт. Ал жерде Манас жаш балдарды чогултуп, ат чабышып, ордо ойноп, жамбы атып, мелдешип, күч сынашып, машыгып, күч алып такшалат, баскынчылык менен келген Эсенкандын, Нескаранын, Жолойдун жоокерлерин талкалап качырат, Чоң Дөңгөнү ыргыта саят.

Алтайдагы кыргыздар чогулуп бала Манасты хан көтөрүп жатканда:

Өз напсиме тартпаймын, Тоодой коконаалатты

Өз мойнума артпаймын.

Казак, кыргыз бир тууган,

Калмагың бар, мангул бар,

Кангай менен тыргоот бар,

Кан болуучу жан бардыр

Бирөө чыксын бел бууган, Бошотуп мени койгун,– деп Бала Манас айтты кеп.

Чогулган эл бала Манастын оор-басырыктыгын, кең пейилдигин, мансапкорсуздугун жогору баалап, хан көтөрөт.

Бул белгилер келечекте Манас душман алдында каардуу, ата-мекенин коргоочу, чачылган журтту чогултуучу азамат болорун билгизет. Душмандар да Манастын келечегинен коркуп, чоңойтпой жок кылуу жолун издешет.

Манастын дене курулушу, ыкчамдыгы да өзүнүн күчүнө, айбатына ылайык:

Болжолуна караса,

Болот өткүс кара таш, Күрсү тийсе оюлгус, Туюк сөөк, чулу баш.

Айткан кеби аткан ок,

Айбат менен караса,

Адамда мындай сонун жок…

Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй,

Асман менен жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй, Алды калың кара жер Жерлигинен түткөндөй. Ай алдында дайранын

Толкунунан бүткөндөй,

Абадагы булуттун

Салкынынан бүткөндөй, Асмандагы ай-күндүн

Жаркынынан бүткөндөй.

Манастын минген аты да, курал-жабдыгы да өзүнө ылайык. Аккуласы да Манас төрөлгөн күнү туулат. Анын куйругу жибек, туралары уюткан болот, кулагынан караңгыда шам күйүп, жүрөр жолун жарык кылып турат.

Манастын жоо жарактары – Дүрбү, Аккелте, Аколпок, Айбалта, Сырнайза, Аркескен.

Тоого чапса, таш кескен,

Бойго чапса, баш кескен,

Шиберге койсо өрт кеткен, Шилтегени мүрт кеткен.

Манастын ашкан баатыр чоролору бар. Алардын ар бири түрдүү өнөргө маш: бири кол башчы, бири акылман, чечен, бири жоонун айласын билген баатыр, бири түн ичинде жол жүрсө, түлкүнүн изинен жаңылбаган чалгынчы, бири колунан көөрү төгүлгөн уста, бири шайыр ырчы, бири  дарыгер.

Кандай гана орчундуу иш болбосун Манас адегенде ортого салып эл-журту менен кеңешет.

Манас баатырларды чогултуп, жоокерликке үйрөтүп, ата-журтунан айрылып чачылган урууларды бириктирет. Эпосто «канкор Манас» деген туруктуу сын атооч монголдун «хонгор» (кайраткер, тайманбас) деген сөзүнөн келген.

Кытайлардын ханы Нескара «Ээликкен Манас баланын эртелеп көзүн о¸лу» деп Алтайга келип, кыргыздардын күчүн көрүп, качып кеткенде колго түшкөн кошууну жан соогалап чуркурап турганда,  Манас:

– Качып кетти каныңар,

Мага кара баарыңар,– Деп көрсөтпөй тозокту Туткундун баарын бошотту… Тууган болуп душманы, Кубанып таркап кеткени. Кыргыздын Манас баатырдын Кабары көпкө жеткени…

Кыргызга кыргын салган Ооган ханы – Шоорук Манастан коркуп, өз кызы Акылайды 30 сулуу бийкеч менен тартуулап, кечирим сурап келгенде, Манас:

Бакайга кеп салыптыр: – Астыңа келди каныңыз, Ачууңу, аба, жазыңыз…

Өтүнүп келген жан экен

Мүдөөсүн макул табыңыз,–деп,

Шоорукту кечирип, отуз  афган кызды отуз жигитине алып берип, өзү Акылайга үйлөнүп, кечээки душманы менен туугандашып, достошот.

Кыргыздардан жеңилген Текес хандын кызы Сайкал эр сайышка чыкканда, Манас калмак кыздын бой келбетине суктанып:

  • Катуу сайсам нетер? – деп,

Кокус өлүп кетер,– деп Талуу жерин мээлебей

Оңдоп найза кармады…

Манас жарадар болгондо, жини келип кыз-Сайкалды ыргыта сайып өлтүрмөк болгондо калмактар кечирим сурап, атын тартуулаганда, айкөл Манас:

  • Айтууңарга көндүм,– деп,–Тартууңарды көрдүм,– деп,–

Сайкалдын тулпарын өзүнө кайтарат.

Кыз-Сайкал Манасты сүйүп калып, өмүр бою күтүп жүрүп, экөө акыретте баш кошот.

Манас Туркстанга келгенде, кыргыз элин кыргынга учуратып, туш тарапка тентиткен Алооке алдынан чыгып бүгүлүп:

  • Душман да болсом, жан соога,

Амандык бергин хан мага

Ырайым кылсаң, турайын

Жоолашпай моюн сунайын,– дегенде,

Манас:

  • Жалбарып жаның сурадың,Жайыңды көрүп турамын.

Келтирсең эгер жинимди, Кетирбес элем бириңди,–

деп Алоокени Туркстандан аман кетирет.

Элдешүүгө келбеген душмандарды Манас аябайт. Кыргыз жерин басып алган Орго ханга каршы Манас өзү чыгат.

Айманбоз санга бир салып,

Сырнайзаны колго алып, Бек беттешип Оргого Берениң Манас жетти эми. Жүрөгүнүн толтосун

Жара сайып кетти эми.

Өзөктөн чыккан өрт – чыккынчы, жакшылыкты билбеген Көзкамандарды Манас бирин койбой кырат.

Ушундай жолдор менен Манас «кулаалы таптап куш кылып, чачылган элди журт кылып» өз жерине кайтарып душмандан коргоп, камкордук көрүп, олжолорду, байгелерди жакырларга бөлүп берип, кыргыз эли өз жерине ээ болуп, жаркырап-жайнап азаттыкта жашап калат.

Ошону менен бирге залкар Манастын кетирген каталары да ошончолук зор болот.

Ташкенттин каны Көкөтөй өлөр алдында:

– Кытай, орус калыкка Кабар салып барбасын

Атпай кара кыргыздын Убалына калбасын…

Улук баатыр Манаска

Кан Көкөтөй өлдү деп.

Айтып кабар бербесин…

Кырк чоро келип ашына Дардалаңдап көппөсүн… Көңүлү жакын эр эле

Ашыма келип эр Манас

Көптүрбөсүн өпкөсүн,– дейт.

Бирок акылман карыянын керээзи аткарылбайт. Көкөтөйдүн ашын Манас өзү башкарып туш-тушка кабар бердирип, кыргыздын эзелки душмандары Алооке, Нескара, Коңурбай, Жолой жана башка хандарды чакыртат, болор-болбос сөз үчүн Кеминдин ханы Үрбүнүн бетин жара чаап, Кошойдон тил угат.

Көкөтөйдүн ашында Манас кыргыз хандары менен кеңешпей бүт бийликти Алманбетке берип ко¸т.

Ат чабышка келген тулпардын көбүн Алманбет үшүтүп өлтүрөт, кытайларды алдап Аккуланы сүрөтүп байгени алып берет.

Жамбы атууда, балбан күрөштө, эр сайышта, ат чабышта байгелерди алып,

Күчүнө көпкөн чоролор

Аракка тоюп, мас болуп,

Аң-сезими пас болуп

Чалкалап уктап калганда,

ыза болгон кытайлар кыргызга кыргын салат, кан төгүлөт. Көкөтөйдүн ашы кайгылуу Чоң казаттын башы болот.

Акылман Көкөтөйдүн коркунучу толугу менен ишке ашат. Нааразы болгон хандар чогулуп: Качып келген бузукту Кан кылганы күйдүрдү… Эркелетип, эсиртип Шер кылганы күйдүрдү… Эсебин мыктап таппасак, Бузукту Манас салат ко! Калайыктын баарысын Жеке бийлеп алат ко,–

деп тактыдан түшүрмөк болот.

Манас  Алманбеттин тилине кирип, хандарды коркутуп,  Чоң Казатка айдайт.

Согушка чыгар алдында жоокерлерге: Арстан Манас барганы Ортого кеп салганы: – Чоң казатка чыкканда, Кол баштаган кан керек!

Таарыныч иши болбосун Кимиңер кан болосуң? –

деп сурайт. Кыргыздын кандары мындай жоопкерчиликтен баш тартканда, Манас:

– Кандыкка киши чыкпады

Арманың ичте калбасын, –

деп кол башчылыкты Бакайга, жол башчылыкты Алманбетке тап шырат.

Жолго чыкканда Алманбет кандуу согушка араңдан зорго бараткан жоокерлерди көрүп: – Мындай жүрсө жарабайт Аскериңдин кыялы!..

Кудай билет адамың,

Аман бири каларын!.. – Жолуңду баштап нетемин,

Кытайга барбайм, кетемин!.. – деп догурунганда, Манас эч ким менен кеңешпей Ба-

кайды бошотуп кол башчылыкты да, жол башчылыкты да, бүт жоопкерчиликти да  Алманбетке берет.

Жарлыкты уккан эл айтат:

– Манаска эми жол болсун,

Бакай сындуу жолдошун Кечээ күнү кан кылып Бүгүн алып салыптыр!

Калмактан келген жай таппай,

Казактан келген бай таппай, Тентиген кулду сай таппай Кан көтөрүп салыптыр!

Анысы кимди оңдурат?

Ырайымсыз куу кытай

Алыс жолдо бүт элди

Айдап жүрүп кырдырат!

Айткан сөзү бу болду.

Баштан-аяк көпчүлүк… Басылбаган чуу болду…

Бүт бийликти колуна алган Алманбет Манасты катардагы аскер кылып, келесоо чалыш Тазбайматтын оңдугуна каттап ко¸т, кырк күнү жоокерлерге тыным бербей Кытайды көздөй айдайт. Атка жүрө албай кансыраган Кыргыл чал Манаска барып эс алуу сураса, ал:

  • О¸н Алма каныбыз,

Капалык менен оройлук

Ушу жол ко¸ салыңыз,

Күпүлдөбөй, аксакал,

Он башына барыңыз,– деп жолго салат.

  • Манасың менен куруп кал!Казатың менен чирип кал!

Калмагың менен чогулуп

Баарың жерге кирип кал! – деп каргайт Кыргыл чал.

Манас дүрбү салып караса, аттары чаалыгып, аскери жүрбөй калыптыр.

Ашыгып жүрүш бекер деп, Кол кырылып кетер деп,–

Манас Алманбетке барса:

Баатыр Алмаң баратыр,

Мас немедей шалкылдап,

Азыр атка мингендей,

Эми жолго киргендей Эригүүчү эр эмес

Бадышадан кем эмес.

Манас аскерди эс алдыралы десе, Алманбет:

  • Катыгүн, төрөм, не дейсиң?

Алсырап калган кедейсиң… Аскердин камын не жейсиң? –

деп Манасты катардагы аскердей жемелеп тилин албайт.

Манас Бээжинди алып, кытайлардын анткор сыйына ишенип такка отуруп калганда, жамандыкты сезген Каныкей «тирүү кезиңде, үйгө кайт» деп кат жиберсе, тилине көнбөй, чоролордун, жоокерлердин көбүн үйлөрүнө кетирет. Коңурбай Манасты жарадар кылып, кытайлар түбү менен көтөрүлүп, кыргыздардын колун кырат. Кансыраган Манас Таласка алтын жаак айбалтасын таянып ыйлап келет:

  • Тебээлеп келген КытайданНамысымды алам деп, Эгиздерди жеп алдым, аяш!

Канатым өрткө алдырдым, Кабыландын баарысын Каканчыга алдырдым, аяш!

Айтсам арман арылбас, Акырет кеткен азиздер

Арман кылсам табылбас, аяш!

Касташканды кармадым,

Азууга салып чайнадым, Кулаалы жыйып, куш кылдым

Куранды жыйып журт кылдым.

Алтын жыйбай, эл жыйдым…

Калктын туруп башында,

Өтмөк болдум дүйнөдөн

Элүү эки жашымда,– деп

зор Манас зор күнөөсүн мойнуна алып, жетим-жесирлерден кечирим сурап, дүйнөдөн кайтат.

Мындай көрүнүш тарыхта да, көркөм чыгармаларда да болгон эмес. Жер жүзүн дүңгүрөткөн падышалардын, баатырлардын бири да кан төккөндүгү үчүн жетим-жесирден, эл-журттан кечирим сураган эмес…

Эл жараткан өлбөс-өчпөс дастандын гениалдуулугу мына ушунда.

 

Алманбет

«Манас» дастанынын эң бир көрүнүктүү татаал каарманы – Алманбет. Анын атасы Азизкан Кытайдын хандарынын бири, энеси кыргыздын кызы Алтынай.

Алманбет ажыдаардан окуп келгенде, Бээжиндин ханы Эсенкан Алоокенин уулу Коңурбайга аскер бийлигин, Алманбетке сот бийлигин берет. Алманбет сот ишин өтө адилеттүү жүргүзүп, атагы чыгат. Бийликте тургандар чочулап, ага каршы иш жүргүзөт. Коңурбай Эсенканга келип:

– Айланайын улугум, Коломтодон кор чыкты. Азизкандын арамы Соопчул болуп зор чыкты. Кулатып тактан өзүңдү. Ойгону турат көзүңдү, – деп жамандайт. – Бул Коңурбай заңгарды,

Тыйып коер жан барбы,–

деп Алманбет Эсенканга келсе, ал «эрди-мурду былк этип, койбой-дебей чырт этип», арызын укпайт.

Эсенкан эмес эсер го, Эл билиши бекер го!

Адилет киши деп жүрсөм,

Журт куруткан көсөөр го! –

деп Алманбет ордодон чыкса, Эсенкандын сулуу кызы Бурулча жо лугуп:

Атаңа, Алма, ишенбе

Акыры салат кишенге,– дейт.

Алманбет атасы Азизканга келип:

– Эсенкан абаң, атаке, Ниети бузук турбайбы. Тобокелге саламын

Көптөгөн кошуун аламын. Эсенкан менен Коңурга Кылгылыкты саламын.

Тактыдан канды түшүрүп,

Өз колума аламын! – дейт.

Азизкан: «Угузба мындай сөзүңдү! Эсенкандын колуна, салып берем өзүңдү» дегенде, Алманбет атасын өлтүрүп ко¸ жаздап, араңдан зорго  карманып чыгып кетет. (Саякбайдын айтуусунда Алманбет  атасынын башын ыргыта чабат.)

Алманбет Кытайдан качып казактардын ханы Көкчөгө келип, анын жигиттери  менен Коңурбайдын жылкысын тийип,  казактарга бөлүп берет. Бул жерде да Алманбет сот ишин адилеттүү жүргүзүп, бийликтегилер: Казакты Кудай урабы, Каңгып келген бир кытай. Калкты бийлеп турабы,– деп

ушак чыгарып, хандыктан кетиртишет.

Алманбет Таласка келгенде, Манас чоң урмат менен тосуп алат, Каныкейдин сиңдиси Аруукеге үйлөнтөт, каганаттын аткаруу бийлигин берет.

Көкөтөйдүн ашында Алманбет касыйдасын окуп, мөндүр жаадырып, байгеге чапчу күлүктөрдүн көбүн үшүтүп өлтүрөт.

Тердеген аттар зиркиреп,

Дыбырап түшүп мөндүрү Аттардын көбүн ал түнү… Үшүтүп аяз өлтүрдү.

Эр сайышта Манас  Коңурбайды жеңип, Алгарасын олжолобой, өз ээсине берип койгондо Алманбет:

– Кокуй, Манас, оңбой кал! Эзелде эки болбой кал! Адам сендей болобу, Арстаным, сенин өзүңдү Адам деген оңобу!

Алгараны маа берсең,

Жеткирбейт белем картымды

Капкайдагы дартымды…

деп көкүтөт.

Ат чабышта Алманбет өзүнүн хандык кийимин кийип, кытайларга Аккуланы сүрөтүп байгени алып берет.

Кытайлар алданып калганын билгенде, байгени талашып чыр салып, Көкөтөйдүн ашы кан төгүү менен бүтөт.

Көкөтөйдүн ашы экен,

Көп чатактын башы экен!

Көкөтөйдүн ашында бийликтин бардыгын Алманбет алып, кан төгүлгөнгө нааразы болгон кыргыздын хандары Манасты тактыдан түшүрмөк болот.

Коңурбай  менен эрегишип жүргөн Алманбет:

Бул Коңурбай өлбөсө

Кыргыздын иши оңолбойт,– дейт.

Манас хандарды Таласка чакырып, өз ара касташпай, Коңурбайдан өч алууга чакырат.

Аттиңе, кокуй катыгүн, Ашкере түштү каран түн! Кайра чыкпас капаска Өзүбүз түшүп алдык, ээ! –

деп хандар каршы чыкса, Алманбет: «Казатка барбагандын башы кетет» деп коркутат.

Корккондон кандар кожурап, Коендой көзү жоодурап, Барбайбыз деген бекер кеп,..

Ажал азыр жетер деп,

Баарыбыздын башыбыз,

Ыргып-ыргып кетер деп,

аргасыздан макул болушат. Манас баргысы келбегендер кала берсин деген буйрук берет.

Эгин айдап, мал багып Эл ичинде жашайлы, Казатына барбайлы!

Кол бузулуп алыптыр,

Араң бирден калыптыр…

– Кокуй алат, Манасым!

Минтип айтсаң аскерге

Болжогон ишти бузасың! – деп

Алманбет аскерлерди токтотуп, «кытайы бар, беги жок,  атка минер эби жок», аларды биз оңой жеңип, чоң олжого батабыз деп кызыктырат.  Чоң казатка чыкканда, аргасыздан бараткан жоокерлердин түрүн  көрүп Алманбет:

Жолуңду баштап нетемин, төрөм!..

Корктум, кайра кетемин, төрөм,–

деп кайтмак болот.

Манас кол башчылыкка Бакайдын ордуна Алманбетти дайындаганда, ал Манасты жөнөкөй аскер катары Тазбайматтын ондугуна каттап, кырк эки күн эс алдырбай Бээжинди көздөй айдайт. Жоокерлер чарчап, аттары чаалыгып, Кыргыл чалдын шайманы кетип, Манаска барып:

– Элкин келген кытайды

Эл бийлетип зор кылдың!..

Душмандык кылбай, не болду?

Аскерден айбат жоголду? – дейт.

Манас дүрбү салып караса:

…Кошуун чарчап калыптыр, Көбү жүрбөй калыптыр. Асты келет айдалып,

Арты келет байланып.

Мыктуулардын баарысы

Артынан түшүп аскердин Айдап келе жатыптыр.

Ат үстүнө өркөштөп

Кээсин байлап алыптыр. Муну көргөндө Манас Алманбетке:

Элдин шайы кетиптир, Өлүмгө жакын жетиптир…

Арстан Алмам, бул жолго

Конуш кылсак нетиптир,– десе, Алманбет:

– Жарабаса кандыгым,

Кандыгымды алыңыз,

Калабалуу жумуштан

Качып жүргөн бир кулду

Калыс кылып салыңыз,–

деп догурунуп, аскерге конуш бербей ко¸т.

Элдин, малдын эси ооп, жүрбөй калганда гана:

Кол кырылып кетер деп, Убалы кимге жетер деп,– эс алууга уруксат берет.

… Улуксат тийип калды деп…

Маталып калган байкуштар Баса албай жерди сүзүшүп, Кайсы бирөөн карасаң. Аттан түшөөр алы жок, Аа карашар дагы жок.

Кулап аткан андан көп, Өлүмдү алып оюна

Сулап жаткан андан көп…

Ооган жерге баш кетип

Көпчүлүктүн көзүнөн

Он эки талаа жаш кетип…

Кара журт жатып калганы… – Аттарыңды байла! – деп Алманбет айгай салганы…

…– Бээжин кайда, жер кайда?

Кытай деген эл кайда?

Конуп алып арада,

Уктаганың не пайда? – деп

кошуунду кайрадан жолго салат. Анткени Алманбеттин максаты Манастын колу менен кытайды басып Коңурбайдан өч алып, өз жерине ээ болуп, көптөн бери күтүп жүргөн колуктусу Бурулчага үйлөнүү.

Кыргыздар Бээжинди курчап келгенде, Эсенкан баалуу белектер,  сулуу кыздарын тартуулап, Манасты такка отургузат. Алманбет өз жерине кайрадан ээ болуп, күтүп жүргөн Бурулчага үйлөнүп көптөн бери көздөгөн максатына жетет.

Кан Манасты баш кылып, Каңгайды бүтүн кас кылып. Бакайы бар башында.

Тогуз хандан кол алып,

Токтобостон жол жүрүп,

Токсон  бүтүн мал жүрүп

Арзып келдим жер үчүн,

Алам деп, жаным сен үчүн

Самап келдим жер үчүн,–

дейт Алманбет манасчы Багыш Сазан уулунун айтуусунда.

Манас оор жарадар болуп, баатырлардын көбү кырылып курчоодо калганда, Алманбет Чубакка:

– Эреним Чубак, жан досум,

Таласка эсен тартпайбыз,

Кытайдан аман кайтпайбыз,

Тирүүңөрдө, чоролор,

Жол тарткыла Таласка. Кордук көрүп калдык деп Айтып баргын Манаска. Мен согушуп көрөмүн, Ажал жетсе арга жок,

Өз жеримде өлөрмүн,– дейт.

Анда Чубак: «Сени жалгыз таштасак, Кудай бизди урбайбы, кыргыздын бели сынбайбы»,– деп кайра согушка кирип, бардыгы курман болушат.

Жарадар болгон Манас тирүү калган жоокерлери менен Таласка жетип калганда, артынан Сараланы кучактаган жансыз Алманбет жете келет. Өз элине кол салган баатырды өз жери да кабыл албаса керек.

Алманбет «Манас» эпосунун эң бир татаал, көп кырдуу, көп сырдуу каарманы.

Өз элине кол салганына, кыргыздарга өтүп кеткенине терең капаланат, Казатка баратканда:

Кытайга кылган пейлиме

Кылчайып азыр карасам, Узап да кетер жерим жок.

Өрттөдүм өз элимди

Жаман бузуп бейлимди,– дейт.

Ар бир доордун манасчылары Алманбетти ар кандай баалап келген. Бул каармандын  мүнөзүн, адамдык сапаттарын иликтесек: Алманбет Манаска жан дили менен берилген, кыргыздар үчүн жанын курмандыкка чалган, достукту, ар-намысты жогору сактаган, чындык, адилеттик, тең укуктуулук издеген кайраттуу баатыр. Ал тургай жетимиш жаштагы Чыйырды отуз жашар Алманбетти эмизсе, кадимкидей булактап сүт чыгат. Ошондуктан дастандын уландысында Алманбеттин уулу Күлчоро Манастын уулу Семетейдин жан досу, Сейтектин   жөлөгү, акылман насаатчысы. Демек, Алманбет муундан-муунга өткөн достуктун, баатырлыктын үлгүсү катары берилет. Ошону менен бирге Алманбеттин жеке мүнөзүн гана эмес иш-аракеттерин эске алсак, ал бийлик үчүн атасынан, элжуртунан кечет, Көкөтөйдүн ашында мелдештин салттарын бузуп кандуу чатакка себепкер болот, бүт бийликти колуна алып кыргыздын хандарын Манаска каршы чыгарат, кыргыздардын аскерин баштап өз элине кол салып, кыргынга учуратат, натыйжада Манастын мамлекети кулайт, эл-журту кайрадан та лоондо калат.

«Каармандардын  элесин  көрсөтүүгө   келгенде, баатырдыгы жагынан өтө трагедиялуу Алманбеттин образын көрсөтүү иши өтө оор болду»,– деп жазат профессор Б. Юнусалиев 1958-жылы чыккан 4 томдуктун кириш сөзүндө.  Анткени бул каарман Манаска кыргыздар өз жерине кайтып, күчтүү мамлекет түзгөндө келет, боштондук, эгемендүүлүк үчүн болгон кандуу казаттарга катышкан эмес…

Алманбеттин окуясы «Манас» эпосунун дагы бир терең насааттуу сабагы.

Чубак

Чубак – нойгут элинин жалындуу баатыры, Манастын кенедейинен бирге өскөн үзөңгү жолдошу, кыйышпас досу, жан-дили менен берилген чоросу.

Акбалтанын Чубагы,  Арстандын бири бу дагы.

Найзакердин ыктуусу,

Алышкан жоого мыктуусу,

Адамдын алы жетпеген,      Акбалтанын Чубагы.

Көк ырапыс тон кийген,

Көк ала сындуу ат минген

Узун бойлуу, кең далы,

Ач айкырык, куу сүрөөн Акбалтанын Чубагы

Манаска чоро бу дагы.

Манастын бир да казаты Чубаксыз өткөн эмес. Ал эрдик жагынан Манастан да, Сыргактан да кем калышпайт, баатырдык намысты өтө жогору баалайт, эл-журтун коргоодо жанын аябайт, айбатынан тайбайт.  Чубак кызуу кандуу, өзүн өтө жогору баалайт. Алманбетти Манаска күнүлөп «тентип келген кытайды менден жакын көрөсүң»,– деп чатак чыгарат.

Чоң казатта Алманбет чалгынга Сыргакты алып кеткенине ыза болуп, артынан жете барып:

Кызыталак кытай кул,

Бузайымбы чебиңди,

Сындырайын белиңди,

Жарайымбы, Алманбет,

Ичиңдеги челиңди,–

деп ызырынып кылычын суурат.

Манас  ортого түшүп эки баатырды ажыратып:.

  • Күпүлдгөн эки арам

Кайра тартып казаттан

Качайын деген экенсиң,

Курап келген колуңду Чачайын деген экенсиң,– деп жемелегенде, Чубак:

  • Баатыр Алмаш береним,

Бакырып «кытай» дегеним,

Артыңдан чаап келгеним Байкасам, мунум зор уят,–

деп эки колун бооруна алып, кечирим сурайт.

Чубак куру намыска берилип, башкалардын сөзүнө теригип, кызуу кандуулугу менен  көп чатак чыгарат. Бул кемчилигин өзү да жакшы билет, ачуусу тараганда кечирим сурайт. Чубактын  ачуусу чукул болгону менен өзү ак көңүл, кең пейил, жамандыкты көңүлүнө тутпаган, кек сактабаган, арамы жок, ачык-айкөл каарман.

Манасты Чубак кудайындай көрөт, сөзүнөн чыкпайт, кандай гана учур болбосун өзүнөн улуу Кошойдун, Бакайдын сөзүн угат, урматтайт. Чубак эл-журту үчүн тайманбай салгылашат, достук шертти жанынан жогору баалайт.

Бээжинде  чоролор душмандын курчоосунда калганда, Алманбет «тирүүңөрдө Таласка кеткиле» дегенде Акбалтанын Чубагы:

– Кайрылбастан качканда Кай мураска жетебиз!? Кабылан туулган Алмаңы, Кантип таштап кетебиз?..

Кудай бизди урбайбы? Кыргыздын бели сынбайбы,–

деп  кашык каны калганча салгылашып, курман болот…

Чубак баатырлыктын, достуктун, айкөлдүктүн эл оозундагы  унутулгус үлгүсү. «Жоону сайса эр сайды – атагы калды Манаска». «Манастан Чубак кем бекен?» – деген лакаптар бекеринен чыккан эмес.

Каныкей

Каныкейдин өз аты Санирабига – Бухаранын эмири Атемирдин кызы.

Манасыма кыз издеп

Далай жолду баскамын, Кыйба деген жер экен Кеңири тажик эл экен… Мага абдан жакканы, Санирабига кыз экен,–

деп келет бай Жакып.

Тажик келинди кыргыз эли «Кандын никейи» деген сөздөрдү бириктирип Каныкей деп атаган.

Каныкейдин келбетине кыргыз зайыптарындагы ак ниеттүүлүк, калыстык, өмүрлүк жолдошуна берилгендик, элди, жерди сүйүү, душманды, кара ниеттикти жектөө өңдүү мыкты сапаттардын бардыгы чогултулган.  Каныкей кыраакы, жөн билги, акылман, колунан көөрү төгүлгөн уз аял.

Кабылан жеңең Каныкей

Зайып заттын паашасы,

Кең көйнөктүн тазасы,

Кара сурдун сулуусу,

Адамзаттын нурдуусу, Ургаачынын узу эле, Атемирдин кызы эле.

Береги Манас көк жалдын

Чачылганын жыйнаган,

Үзүлгөнүн улаган,

Сайып жүрүп бак  кылган,

Салып жүрүп там кылган,

Санжыргалуу Манасты

Аалам журтка кан кылган, Калдай башын туу кылган, Катын башын эр кылган.

Күйөөлөп келген  Манас  жаш кызга одоно мамиле кылса, ал ар-намысын сактап канжар менен колго сайат. Ызаланган Манас  тажик элине кыргын салып, Бухара шаарын бузарда, эл-журтун сактап калыш үчүн:

Ажарын салып  Сани кыз: – Канеткенде ко¸мун

Калктын баарын сойдуруп,

Каршы чыгып астынан

Кайтарармын койдуруп…

Кара кыргыз канына Никесине кирүүгө Барайынчы алдына… Барга тажик эл үчүн Багыштайын башымды…

Мен Манаска барайын

Букарды сактап калайын,–

деп бай Жакыпка жүгүнүп чыгып, эл-журтун аман сактап калат.

Манас күнөөсүн мойнуна алып, кызга мээримдүү мамиле кылганда, Санирабиганын  мүнөзүн  түшүнүп,  адамдык сапатына  бийик  баа берет:

– Канжар тийген колуңуз, Каныштан болсун жолуңуз…

Тажиктин жоктур күнөөсү Коркутуп сизди койгону, Колуктуңдун мүнөзү…

Каарданбай, төрөм, коюңуз. Катаалдык кылат экен деп. Бузулбасын оюңуз… – деп

Манасты атынан түшүрүп алат.

Каныкей абдан жаш болсо да акылмандык, сабырдуулук, ыймандуулук менен Манастын зайыптары менен күнүлөшпөй, тил табышып, урмат-сыйын көрсөтүп, колго алып тез арада үй-бүлөгө гана эмес бүт кыргыз элине баш-көз болуп, сыйга, кадыр-баркка ээ болот, Манаска ок өтпөс Аголпокту, бадана тонду, Кошойго кандагайды, кырк чорого согуш кийимин тигип берет.

Биз Манаска келгени

Асыл жеңең Каныкей – Арака чайкап бал берди,

Алдыңа салып эт берди,

Жакасы алтын, жеңи жез,

Ок өтпөс тонду кийгизди,

Чамаңарды тийгизди, –

деп ырдайт Ырамандын ырчы уулу.

Каныкейдин иштеген иштери,  акылы,  максаты: кыргыз элин көз караңды кылбай, душмандарга каршы туруп, ата-мекенди, биримдүүлүктү сактап калууга багытталган.

Манас Бээжинди каратып,  кан болуп туруп калганда, Каныкей:

Бээжинди билди дегиче,– Мейнетти билди десеңчи.

Алтын так минди дегиче,–

Ажалды минди десеңчи,–

деп, катуу кайгырып, тез кайткын деп Манаска кат жазат, Аккуласы өлсө, жөө калат деп, Тайбуурулду коштотуп жиберет.

Манас жарадар болуп эсинен танып келе жатканда, Каныкей ага кубат берүү үчүн  жаңы төрөлгөн Семетейди көтөрүп, алдынан чыгат. Ыйлаган Семетейдин үнүн укканда, кансырап атка жүрө албай келе жаткан Манас кайратына келет.

Манас Чоң казатта жоокерлеринен, чоролорунан ажырап,  буркурап ыйлап турганда:

Кайран жеңең Каныкей

Баатырыңдын алдына

Басып келди сумсайып…

– Баатырым, арман арылбайт, Акырет кеткен эгиздер,

Арман кылсаң табылбайт. Телегейиң тең да өткөн.

Кайгырса жүрөк камыгат, Кайрат кылчы, баатырым.

Кайрандар кайдан табылат?.. –

деп эл алдында мөгдүрөп, айбатын жоготуп турган Манаска кайрат берет. Манастын сөөгүн душмандары казып алып, мазактабасын деп, тоого алып барып, жашыруун жерге коет.

Жесир Каныкейди кыргыздын эзелки салты боюнча кайнилеринин бирине нике кыймак болгондо, ал Манаска берген антын ыйык сактап, жанына эч кимди жолотпойт, үч айлык Семетейди койнуна катып, кайын энеси Чыйырды менен төркүнү Бухарага качып аман сактап калат. Семетейди  жашырып багып, бой жеткенде атасы Манас, кыргыз эли, жери жөнүндө айтып берет.

Кагылайын кулунум,

Калкыңдын жайын айтайын.

Көк сүлөөсүн кундуз бөрк Чалдары сыпаа кыргыздын. Кармашкандын жолуна Балдары баатыр кыргыздын.

Аргытып атка чабышкан,

Айкашкан жоодо салышкан, Келини сонун кыргыздын.

Өрүүдө үйүн оңдошкон,

Кызылдан кийген күрмөнү,

Жаш кайыңдай буралган,

Тал чыбыктай суналган,

Алганына жарашкан

Кызыл беттүү, кымча бел, Кыздары сонун кыргыздын.

Бейкут болуп жайланган,

Белдемчисин байланган,

Кымыз менен сүт берип Балдарына айланган Кемпири сонун кыргыздын.

Өзөгүн берген өз десе,

Эли жакшы кыргыздын.

Каныкей кыргыздын эл-жерин баяндап  айтып бергенде, Семетей:

– Кош, энеке, берекем!

Манасты тапкан энекем!

Айланайын элимден

Адашып калган мен экем,–

деп ыйлап Таласка жол тартат.

Эпостун уландысы болгон «Семетей», «Сейтекте» да Каныкей терең акылман, мээримдүү эне катары жашайт. Кыргыз эли Каныкейдин келбетин, келиндин, зайыптын, эненин жылдыздай жаркыраган үлгүсү катары эсинен кетирбей, оозунан түшүрбөй миң жылдан бери сактап келет.

Каныкей башка элден келген, башка тилде сүйлөгөн болсо да кыргыз элин, кыргыз жерин өз мекениндей сүйөт, камкордук кылат.

Дүйнө тарыхында башка улуттун кыздары келин болуп барган элин сүйүп-күйүп башкарып, падыша болуп, чын жүрөктөн өнүп-өсүшүнө камкордук көрүп, душмандан коргоп зор эмгек кылган инсандар болгон. Мисалы үчүн, байыркы заманда  Египетке падыша болуп, араб элинин тагдырын өз колуна алган грек кызы Клеопатра эки миң жылдан бери унутулбай келе жатат. Ошондой эле немец кызы Екатерина Россиянын падышасы болуп, орус элине жан дили менен эмгек кылып, маданиятын, адабиятын, илим-билимин өркүндөтүп,  өстүрүп, душмандан коргоп, байытып тарыхта калды.

Кыргыз элинин жүрөгүнөн, ой-толгоосунан жаралган Каныкейдин залкарлыгы тарыхый инсандардан кем эмес.

Кошой

Кошой  жомокто баардык каармандардан улуу. Ал көптү көргөн-билген  акылман, кыраакы, айлакер аяр болгондуктан,  чоролор, кандар, Манас баш болуп андан ыйбаа кылып, акылын угуп, айтканына көнүшөт.

Кошой терең ойлуу, өтө адилеттүү, ак жүрөк карыя, мелдештерде дайыма калыс болот, душмандан түшкөн олжону тең бөлүштүрөт.

Манас өз жерине келгенде Кошой:

  • Таап ал Талас жериңди,

Күтүп алгын, кулунум, Күрдөөлдүү кыргыз элиңди,–

деп алдынан тосуп чыгат, эртерээк, кайра кеткин деп шаштырат:

  • … Козголуп манжуу, калмагың

Кошуун жыйып албасын, Элиңе кордук салбасын,

Алтайга эртерээк барып эл-журтуңду көчүрүп кел дейт.

Кошой баатырларды, кандарды тизгиндеп, эл-журтка зыяндуу боло турган кылык-жоруктарды тый ып турат. Көкөтөйдүн ашында Манас Үрбүнүн жаагын айра чаап, баатырлар нааразы болуп, чатак башталганда Кошой: – Не болгонсуң, эр Манас,

Жакшыны жакшы билбейсиң! Жаманды көзгө илбейсиң! «Манас! Манас!» – дегенде, Барбая түшөт экенсиң!

Үйлөп койгон чаначтай Дардая түшөт экенсиң! –

деп Манасты жер каратат,  жулунуп турган баатырларды токтотот. Кошойдун келбети аркылуу элдин улуу-кичүүгө болгон мамилеси, өз ара сыйы, адеби, жүрүш-турушундагы сый-сыпаа маданияты сүрөтт өлгөн.

Кошой бой-келбеттүү, Манастын кийими да чак келбеген зор балбан. Көкөтөйдүн ашындагы калмактардын «мас болгон пилдей чамынган» балбаны Жолой менен күрөшкө эч бир баатыр чыкпай койгондо, 85 жаштагы Кошой намыстанып өзү чыгат.

Каныкей тиккен кандагайды кийгенде.

– Телегейиң тең болуп, Тегиз Манас тукуму Атасындай шер болсун!

Кагылышкан душманын

Өгөөлөсүн темирдей,

Акыры туусаң эркек уул Аты болсун Семетей, – деп батасын берет. Чыкмак болду майданга

Намыс алып берүүгө

Карган Кошой абаңар,

Булчуңу бука белиндей,

Булкушканды жегидей, Кол салуучу жолборстой

Кармашканы  оңбостой…

Күрөштөн алган чоң байгесин Кошой кедей-карыптарга таратып берет.

Манас өлгөндө, Каныкейдин  жакын кеңешчиси Кошой карыя болот.

Бакай

Бакай акылмандыктын, сабырдуулуктун, калыстыктын, кең пейилд иктин үлгүсү. Ал адамдын ички дүйнөсүн сезет, башкалардын ой-пикирин, болуп жаткан шартты терең түшүнөт. Манас атасы Жакыпка таар ынып, эл-журтун таштап кеткенде Бакай жете барып:

– Жем издеген бөрүдөй, Желип кетиш не жорук? Эрин чанган катындай, Качып кетиш не жорук? Жолдошуна сыр айтпай,

Жолго чыгыш не жорук? –

деп жемелейт.

Анда Манас:

Артык айтар сөзү жок,

Атырылар кези жок,

Кылмыштуудай кылыят Агасын карап муңаят…

Уятка калган Манас  өзүнөн улуу Бакайга каяша айталбай, аргасыздан күлүп жиберет:

Кайран Манас баатырың Каткырып күлүп калды эми.

Кабыландын чоролор

Каткырыкты салды эми.

Чоң казатка чыкканда Манас Бакайдын ордуна Алманбетти жол башчы кылып дайындаганын, Серек менен Ажыбай жеткирип барганда:

Айтканын угуп эр Бакай

Каткырыгы таш жарып Катуу күлүп калганы… – Жалгыз бенде уккан жок.

Нече жерде кан болдум,

Караңарчы, балдарым,

Башыма мүйүз чыккан жок,

Кеңдигинен атаңа

Кетпеген дөөлөт токтолгон,

Абакеңер Бакайда

Таруудай тарлык жок болгон…

Баатыр Алма султанды

Баламдан жакын көрөмүн,

Башкарып алсын аскерин

Бачымыраак жөнөгүн,–

деп калтырап коркуп турган чоролорго кат берип, Манаска жөнөтөт.

Акылы терең даанышман,

Кеңешин курган алыстан,

«Э» – дегени эки эмес,

Кебин сура калыстан,

Маңдайында багы бар,

Баатырлыгы дагы бар,

Журттун баарын текшерип Байкап турган чагы бар.

Кемтиги жок кебинде,

Кеби кетпейт тегинге,

Жалган айтып көрбөгөн,

Караңгыда көз тапкан,

Капыл жерде сөз тапкан,

Жакыптын уулу Манасты,

Багып жүрүп тал кылган,

Адамзаат пендеде

Теңдеши жок жан кылган…

Бакай элдин бирдиктүүлүгү, баатырлардын ынтымагы үчүн күрөшөт, Чубак Алманбет менен  чатакташканда:

Бөлүнсөң, бөрү жеп кетет,

Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет.     Жарылсаң, ууру алуучу,

Жай уксаң, акыл нак ушу,–дейт.

Чоң казатта Манас менен Алманбет курчоодо калып, Сыргак качып чыгып, кокуйлап келгенде Бакай:

– Байкабаган баласың Басып калды кытай деп, Бакырып кирип барасың. Баатырлардын баарысын Балакетке саласың.

Кудай кулду берди деп,

Тилегибиз келди деп, Корккондон келген эрендер Кош атын колго албайбы. Коңторулуп шу жерден Кайра жөнөп калбайбы.

Ошо бойдон соо кетпей,

Ногой уулу болгонун Ойрон кылып салбайбы! –

дегенде, Сыргак «билмексен болуп кымпыйып, калаба көрбөй келгендей, сыр алдырбай зымпыйып» жоокерлерге кытайлар кыйрап, мал-мүлкү чачылып жатат деп калп айтат. Калың кол Манасты көздөй жабыла жөнөйт. Кара тумандай каптап келе жаткан кыргыздарды көргөндө кытайлар дүрбөп качат.

Бакайда аталык мээрим сезими өтө күчтүү. Манас өлгөндө, Каныкей  баласын  алып  кеткенде, Семетейди Бакай өз небересиндей сагынат:

Семетей көзүн бир көрбөй,

Канткенде тирүү турайын…

Жесиримди көрөйүн,

Жетимимди өбөйүн,

Найзага таккан желегим,

Манастан калган белегим.

Кол кайырым берейин,

Койнума салып жалгызды

Жыттап, жыттап келейин,–

деп издеп чыгат.

Манаска бир тууган ага, кандуу майдандарда  кол башчы, тиричиликте акылман насаатчы эр Бакай – «Семетей», «Сейтек» дастандарында башынан кандай  кыянаттар өтпөсүн, туруктуу келбетинен тайбаган каарман.

Көп жашаган Бакай жесир калган Каныкейдин да, Семетейдин да, Сейтектин да акылман насаатчысы, кайраттуу жөлөгү, жардамчысы болот.

Он эки жашар Сейтекти кыргыз журту келечектеги үмүт менен хан көтөргөндө:

– …Садагам, Сейтек, кулунум… Алтын болсун көмүрүң, Узун болсун өмүрүң. Мингениң алтын так болсун, Маңдайыңа бак консун!

Душман жолу тар болсун.

Койгулашкан душманга

Атаң Манас арбагы

Элиңде дайым жар болсун!.. Кара кылды как жарган, Калыс болгун калкыңа!

Үзүлгөндү улап бил

Чачылган журтту жыйнап жүр,

Жерилиш болгон конушка Журтуңдун көөнүн оорутпа! – деп акылман Бакай батасын берет.

Сыргак

«Манас» дастанынын дагы бир айбаттуу жаркын каарманы Сыргак баатыр.

Чырм этип уйку албаган,

Уйкусу жок, жолго сак,

Атка жеңил, тайга чак,

Сундурса найза тартпаган,

Сумсайып жоодон качпаган, Аталаш жакын тууганы Кабыландын Сыргагы. Тууралжын келген бою пас, Тулку бою кара таш. Өмөлүшө жоо келсе Өлүмдөн жанын аябас.

Кырк чоронун кыйыны.

Кыраан баатыр чыныгы…

Эр Сыргак кандай гана кыянат, кандуу согуш болбосун Манастын жанында, Чоң Казатка барганда зор баатырлык көрсөтүп 21 жашында курман болот.

Коңурбай

Алтымыш уулдун кенжеси, Алооке кандын баласы Коңурбай – Манас менен жер, бийлик талашкан кыргыздардын эзелки жоосу.  Ал  ченебеген жоокер,  согуштун ыгын мыкты билген  куу,  жеткен айлакер, ашкан адис, митаам.

Манастын колу Түркстанга келип, Алооке аргасыздан Анжыянды өткөрүп бергенде он сегиз жашар Конурбай:

– Ушул кылган ишиңе Айраң болуп турамын… Манжурия, тырготтун Баарын кайда жоготтуң?

Кызылдай дүйнө чачарбы Кыргыздан Кытай начарбы! –

деп атасын көкүтөт.

Адырайган чоң Коңур –                        Көк күбө соот бөктөргөн,

Көк найзаны көтөргөн,

Баданасын жамынган,

Мас болгон пилдей чамынган,

Баатырды көздөй камынган,

Устундан кыйып улаткан,

Учуна болот сулаткан,

Сайган жоосун кулаткан,

Өрттөй көзү кызарып,

Өткүр Коңур бу калча

Кыр мурундуу, кызыл көз,

Жоон билек, жолборс төш,

Кабагы бийик, кара сөз, Капталы – жазы, бою – эңчер,

Кан Коңурбай деген эр.

Коңурбайдын сүрү, күчү Манастан кем эмес. Ошондой болсо да ал Манас менен беттешип жеңилеринде качып кутулат.  Коңурбай жер, бийлик талашкан, кыргыз элине жаңжал салган душман болсо да жомокчулар анын баатырлыгын, жоокерлик адистигин, саясий айлакерлигин, өз эл-журтунун азаттыгын, ар-намысын жанын аябай коргогондугун жогору баалап, калыстык менен сүрөттөшөт. Коңурбай Манастын айбатын жогору сыйлайт, зор кеменгерлиги менен эсептешет, адилеттүүлүгүнө суктанат, айкөлдүгүн,  ак-көңүлдүгүн, ишенчээктигин жакшы билет. Эр сайышта Коңурбай Манастан жеңилип Алгарасын олжого алдырып коердо, чөгөлөп  алдына жыгылып, жалынып-жалбарып, күлүктүгү малда жок Алгарасын кайтарып алат.

Ат чабышта Алманбет мелдештин салтын бузуп, кытай-калмактарды алдап, кыргыздардын Аккуласын чыгарганда,  Көкөтөйдүн ашына жан-жоокерлери менен сыйга келген Коңурбай ызаланып, байгени талашып, кандуу кыргын салат. Манастын колу  каптап келгенде, Коңурбай эл-журтун талоондон сактап калыш үчүн Бээжиндин капкасын ачып  берип, курал, аскер чогултуп, жашыруун келип Манасты оор жарадар кылып, чоролорун окко учурат.

«Өзүңдү эр деп ойлосоң, душманыңды шер деп ойло»,– деген лакап элибиздин дагы бир  акылман насааты.

Семетей Манастын кунун алам деп келгенде, Коңурбай аны дүрбү менен көрүп:

– Айкөлдөй болгон Семетей Менин балам болсочу!

Ак шумкардай айланып

Колума бакыт консочу,–

деп суктанат…

Баатырлыгы жанда жок Коңурбай Таласка кол салганда, Семетейден өлөт.

Элин, жерин коргосо,

Өлбөс болот баатыр деп,

Багынтам деп башканы,

Кылыч менен кол салса, Кылычтан өлөт акыр, деп Айтыптыр Иса пайгамбар…

Жолой

Манастын душмандарынын санында дагы бир укмуштай сүрөт төлгөн каарман – кытай-калмактардын баатыры Жолой.

Амурдун башын жайлаган,

Шакардай күчү кайнаган,

Карлуу тоонун төбөсү,

Кара калмак төрөсү,   Алты батман буудай жеп, Дан жыттанган чоң Жолой. Алтымыш алпты бир союп, Кан жыттанган чоң Жолой.

Тырмагына караса,

Ак жолборстун салаадай,

Муруттарын караса,

Тегирмендин көпчүгү – Текши койгон барадай,

Жан казандай башы бар,

Артына түшкөн айдары, Кыл чылбырдай чачы бар. Кырктын анык өзүндө Кызыталактын жашы бар.

Мунарадай бою бар, Бул дүйнөнүн балбанын «Койбойм» деген ою бар.

Кулактын көркү калкандай,

Чечекейи чарадай,

Атасы бар, бата жок,

Энеси бар, нике жок,

Элде мындай бөкө жок,

Туурасы жоон, бою пас  Дулдугуй беттүү, өңү саз.

Комдонуп жаткан кара иттей,

Маңдайында кашы бар,

Козголуучу дөө эмес – Колуна тийген тоодой таш Боло турган талкандай.

Эки ийнине караса,

Эки киши конгондой, Эки бетин караса, Эки даңгыт тойгондой.

Көзү чүңкүр Жолойдун

Терең казган ородой, Көзүндөгү чылпагы Чокчо табак шородой.

Балтыры өгүз белиндей, Оозунан чыккан илеби

Улуу белдин желиндей.

Жолой – адам жеңе алгыс күчтүү алп, бирок анда адамгерчилик, ой жүгүрткөн акыл, калыстык  жок. Ыймансыз, адеп билбеген, ынсапсыз, соргок, кан ичер каарман. Ал Көкөтөйдүн ашында табак тарткан сыйды күтпөй, казан башынан быша элек этти сугалактанып жей берет. Күрөштө улгайган Кошойдон жеңилет.

Көкөтөйдүн ашына келген Жолойду жомокчулар какшыктап, шылдыңдап сүрөттөйт. Бирок анын алп күчүнө тең боло турган адам жок. Жолой менен күрөшкө чыгуудан Манас да коркот. Кудайдын кудурети колдогон Кошой карыя болбосо ал чоң байгени күрөшпөй туруп эле алып кетмек. Жолой эл-журтун, мекенин  коргогондо каптап келген кыргыздар менен жанын аябай салгылашат, зор баатырлыгын көрсөтөт.

«Манас» эпосунда кыргыз элинин айыгышкан душмандарынын да баатырлыгы, жоокерлиги, адистиги, айлакерлиги калыс адилеттүүлүк менен баяндалат.

«СЕМЕТЕЙ»

«Семетей» дастанында  – Манастын уулу Семетейдин турмушу баяндалат. «Семетейдин»  идеялык мазмуну, көркөм касиеттери, аткаруу ыкмасы, обону,  окуялардын өнүп-өскөнү «Манастын»  ажырагыс уландысы.

«Семетейде»  да кыргыз элинин бирдиктүүлүгү, душманга көз каранды болбой, күрдөөлүн көтөрүү, элди, жерди сүйүү, душманга каршы туруу сезими  шаңданып турат. «Семетей» дастаны «Манас» дастанынан ондогон, жүздөгөн жыл кичүү болушу ыктымал. «Манас» кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый окуялардын негизинде жаралса, «Семетей» кыргыз элинин чыгармачыл эргүүсүнөн жаралган көркөм жомок. Манастын душмандары – баскынчылар болсо, Семетейдин жоо лашкандары өзөктөн чыккан өрт: чоң атасы бай Жакып, атасынын бир туугандары Абыке, Көбөш, кырк чоро, кыргыз урууларынын хандары Чынкожо, Толтой, Кыяз, бир тууган бөлөсү Үмөтөй, эмчектеш досу Канчоро, никелеш зайыбы Чачыкей. «Семетей» дастаны чыккынчылык доорго учураган кыргыз элинин кайгылуу турмушунун көркөм элеси.

«Семетей» дастанынын окуясы Манас өлгөндөн кийин кыргыздардын хандары өз ара бийлик талашып, биримдигин жоготуп, эгемендүү мамлекетинен ажырап алсызданган кезде өтөт, жомокчулар аркалуу ооздон оозго, кылымдан кылымга өтүп, ар кайсы доордун социалдыктарыхый шартына карай  өзгөрүп келген. «Семетейде» сүйүүгө берилгендик, эр жүрөктүк, эл-журтун  коргоонун, достукка берилгендиктин үлгүсү көрсөтүлөт.

«Семетей» дастанын кагаз бетине биринчи Чокан Валиханов  жазып алган. 1862–1869-жылдарда академик В.В.Радлов «Семетейден» 3.005 сап  ыр жазып, 1885жылы  «Түндүк  түрк урууларынын эл адабиятынын үлгү лөрү» деген китебине басып чыгарган.

Тыныбек Жапый уулунан 1924-жылы Семетейдин Айчүрөктү алган  окуясы жазылып, 1925-жылы Москвада басмадан чыккан.

«Семетейди» жазып алуу иши 1930-жылдары башталган.

Кыргыз илимдер академиясында «Семетей» дастанынын толук жана айрым окуялардан турган 30га жакын варианттары сакталып турат. Алардын ичинде белгилүү жомокчулар Тоголок Молдо, Шапак Рысмендеев, Акмат Рысмендеев, Жаңыбай Кожеков, Багыш Сазан уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Мамбет Чокморов, Саякбай Каралаев, Жакшылык Сарыков, Ыбрайым Абдракманов, Шаабай Азизов, Уркаш Мамбеталиев ж.б. манасчылардын айтуулары бар.

Семетейчилердин айтууларында окуялардын жүрүшүндө, каармандардын келбетинде, өз ара мамилелеринде, ата-тегинде, ысымдарында  ар кандай өзгөчөлүктөр бар, бирок Семетейдин тагдыры бардыгында бирдей.

Бул хрестоматиялык окуу китеп белгилүү варианттарды эске алуу менен бирге Саякбай Каралаевдин айтуусунун негизинде түзүлдү.

 

«СЕМЕТЕЙ» ДАСТАНЫНДАГЫ КААРМАНДАР

Семетей

Манастын уулу Семетей – үчилтик дастандын экинчи бөлүгүнүн баш каарманы. Манас каза болгондо Каныкей уулун душмандардан сактап Бухарага алып кетип, ататегин билгизбей иниси Ысмайылга  бактырат. Семетей бала кезинде атасы Манаска окшоп өтө тентек, күчтүү, айбаттуу болот. Он эки жашка чыкканда Семетей Сарытазга жолугуп: атасы Манас, жери Талас экенин, Каныкей эжеси эмес, энеси экенин билгенде, таарынып бир нече күн тамак ичпей жатып алат. Айласы кеткен Каныкей кыргыз эли жөнүндө, атасы Манастын кайгылуу тагдыры жөнүндө айтып бергенде, Семетей:

  • Таласка өзүм барармын,Тууган элим – кыргызга Шаң көтөрүп алармын.

Айтканымды кылбасам

Атагы урсун Таластын,

Арбагы урсун Манастын! –

деп ант берип, эл-журтуна аттанат.

Семетей тууган жерин, Ала-Тоону көргөндө суктанып, атасынын күмбөзүнө келип:

  • Он экиге келгенчеДайныңды, ата, билбедим! Сени өлтүргөн Коңурду Өлсөм да тирүү койбоймун. Кунуңду андан аламын,

Чогултуп кайра кыргызды

Кытайга кыргын саламын,–

деп токтоно албай ыйлайт.

Чоң атасы бай Жакып, эми Семетей эл-журтту өзүнө тартып, Көбөштү тактыдан түшүрүп,

Манастын кунун алам деп,

Эр жигиттин баарысын Керек болсо карысын, Зордуктап айдайт казатка.

Кытайга барып кырылып

Кыргызды салат азапка,–

деп небересине уу  берип  өлтүрмөк болот.

Манастын аталаш иниси Көбөш Семетейдин айылына чабуул коюп курман болот.

Карыя Бакай элди чогултуп, Семетейди хан көтөртөт. Көбөштүн кырк чоросу:

  • Семетей менен Бакайдан

Оңой турган дос болбойт,

Кырк чоронун биринин

Кара башы соо болбойт,–

деп Таластан качып кетишкенде, Семетей артынан жете барып, кырк чородон кечирим сурап:

  • Силер минтсең, чоролор,Эл ичинен эп кетет.

Кан жыттанган Коңурбай

Жерибизди тепсетет,– деп жалынат.

Кырк чоро Семетейге кол салып, бардыгы кырылат.

Семетей эл чогултуп аш берип, кырк чорого кырк күмбөз сал дырат.

Семетей жан-жөкөрлөрүн, жакындарын чогултуп:

  • Кабар албай кытайданКарап турган оңобу?..

Кармашпасак болобу! – дейт.

Муну укканда, энеси Каныкей абыдан капа болуп, Кытайга топон суу жетпегенин, Александр Македонский (Искендер Зулкарнайын) кол сала албаганын, атасы Манас да кумурскадай жайнаган кытай элине күчү жетпей, алданып курман болгонун эсине салат. Семетей берген антын  өлсө да аткарарын айтат.

  • Укканда муну кан БакайБушайман болду бир далай.

Атасын тарткан Семетей Көздөгөнгө жетмейин, Тынбайт экен, капырай!

Кытайга каршы турууга, Күчүбүз жетпейт, балдарым!

Биригишип кайрадан

Бириккен кандык курмайын,– дейт.

Бакай Күлчоро менен Канчорону алып нойгут уруусунун ханы  Чынкожого барып кайрадан биригишип душманга каршы туралы десе, ал «Таласың артык жер бекен?

Семетей менден эр бекен?» – деп көнбөй ко¸т. Эч кимден жардам, жөлөк болбогон соң, атасына берген антына бекем турган Семетей Кытайга чоролору менен барып Коңурбайды өлтүрмөк болот. Жолго чыгарда Айчүрөк «түндө жаман түш көрдүм, барбагын» – десе тилин албай, Коңурбайдан оор жаракат алып, ажал менен алышып Таласка кайтат. Коңурбай кыргыздарга кол салганда, Семетей кайратына келип, баскынчыны өлтүрүп, Манастын өчүн алат.

Семетейдин тагдыры атасы Манастыкынан да татаал жана кайгылуу. Манас кандай гана болбосун өз максатына жетип, «кулаалы таптап куш кылып, чачылган элди журт кылып», душман колунан орто жашка келгенде каза болот.

Семетей атасынын жолун жолдоп, бүт өмүрүн эл-журтуна садага чаап, Коңурбайды жайлап өчүн алса да негизги максатына жетпейт,  эмчектеш досунан, никелешкен зайыбынан, чыккынчылыктан, өз ара бийлик талашуудан 25 жашында курман болот.

Семетей атасындай кең пейил, айкөл, элине камкор, достукка, сүйүүгө берилген, айткан сөзүнөн, антынан кайтпаган каарман. Ошону менен бирге Семетей да атасынын кетирген каталарын кайталайт.

Атасы Манас бүт бийликти, жоопкерчиликти Алманбетке берип, Чоң Казатта чоролору менен курман болсо, Семетей бийликти Алманбеттин уулу Күлчорого берет. Кызуу кандуу Күлчоро Семетейдин кай ып болушуна себепкер болот.

Канчоро менен Күлчоро

Канчоро менен Күлчоро Семетейдин эмчектеш достору, айбаттуу баатыр чоролору.

Канчоронун атасы нойгут уруусунун башчысы, Манастын чоросу Чубак, энеси Калыйча, Күлчоронун атасы Алманбет, энеси Каныкейдин сиңдиси, тажик кызы Арууке.

Баатырлар Чоң казатта курман болгондо, Калыйча менен Арууке төрөттөн каза болуп, Каныкей алты айлык Семетейди, жаңы төрөлгөн эки баланы эмизип Канчоро, Күлчоро деп ат ко¸т, Бухарага кеткенде жакын туугандарына табыштап кетет.

Семетей Таласка келгенде, Канчоро менен Күлчоро табылып, анын чоролору болот.

Канчоро менен Күлчоро – Өөдө тартса өбөгүм.

Ылдый тартса жөлөгүм,

Астыга салса ак жолум

Айдап жүрсө сан колум,–

деп баалайт Семетей.

Эки чоро эгиз козудай окшош болгону менен экөөнүн мүнөзү эки башка. Канчоро токтоо, терең сырдуу, бир кырдуу, ичинен тынма, кара мүртөс, ичи тар, арам ойлуу.

Күлчоро ачык мүнөз, маңдайы жарык, шылуун, кызуу кандуу, өлүмдөн тайманбай Семетейдин буйругун аткарууга кың дебей киришет. Жомокчулар аны көп кезде Күлүс деп аташат.

Семетей Айчүрөктүн артынан келип, Үргөнчтүн аркы өйүзүнөн кыздарды көрүп, чоролорун чалгынга жибермек болгондо, Канчоро:

Кайкалаган жоо болсо,

Качырып кирсем миңдеймин, Катын-кызга туш келсем Кантерими билбеймин. Кыйытып айтуу кебим жок, Кыз-келинге эбим жок.

Тил алсаң, аба, барбайын, Кыз-келиндер туш келсе, Уят болуп калбайын?!

Күйдүргү Күлүс шок эле… Сөзүндө сөлтүк жок эле. Бул жагынан Канчоро Күлүскө качан тең эле?!

Тили чечен, өзү шок

Тирүүдөн мындай эме жок,– дейт.

– Азабым болсо көрөйүн.

Ажалым жетсе өлөйүн! – деп Күлчоро буркандап кирип жаткан Үргөнчтөн  өтүп барып, милдетин аткарып, агасын ыраазы кылат.

Семетейдин Күлчорого  жан тартканына Канчоро барган сайын нааразы болот. Олжого түшкөн Сурко¸нду экөө талашып, Семетей чылбырды «калыстык кылайын, кимиң озунуп алып кетсең, ошонуку болсун» деп ортого ыргытып койгондо:

Кара мүртөс Канчоро Кусамат сөздү салды дейт:

«Улуу болсом, мен болсом,

Сайсам жоого тең болсом,

Өлгөнүм жакшы бул көрө, Өз олжомдон кем калсам.

Анткорсунган абакем

Сурко¸ндун чылбырын

Күлчоронун жолуна

Ийе таштап салды го! – Деп, ошентип Канчоро Капаланып кагынып.

Кекенип калды таарынып.

Канчоронун мансапкорлугу, ичи тарлыгы, таарынчактыгы бара-бара аны чыккынчылыкка алып келет.

Күлчоронун ачык мүнөзү, шылуундугу, кызуу кандуулугу, ызакорлугу да кайгылуу окуялардын кесепети болот.

Семетей Бакайды баш кылып Чынкожону бирдикке көндүрүп, Таласка көчүрүп кел деп Кебез тоого жибергенде Күлчоро Чынкожонун сөзүнө ызаланып:

Кара жаак камчыны

Кармай калып имерди, Бакырган Чынкожону

Төбөгө тартып жиберди…

Чынкожонун жылкысын Күлчоро менен Канчоро Алдыга айдап алышты.

Таласка жол салышты.

Ыза болгон Чынкожо Семетейге каршы чыгып, кыргыздын уруулары өз ара кан төгүшөт.

Чоң казатта курман болгон казактардын ханы Көкчөнүн уулу Үмөтөй  атасынын кунун доолап келгенде, Семетей «бөлөңдү кепке келтирип, элдешип кел» деп баалуу белектерди берип Күлчорону жибергенде, каарданган Үмөтөй:

– Эс алдырбай кырк күнү

Кошуунду кыйнап айдаткан, Көп баатырдын баарысын Чет-Бээжинде кыйраткан! Артында жетим-жесирди

Боздотуп күндө ыйлаткан,

Чыккынчы кытай карабет, Атакең сенин Алманбет,– деп ызырынганда, Ызаланган Күлчоро

Жарылып кете жаздады,

Ала калып найзасын

Үмөтөйдөй баатырды Ыргыта сайып таштады.

Капа болгон Семетей бөлөсү Үмөтөйдүн кунуна Тайбуурулду берип койгондо, Канчоро Кыязды чакырып Манастын уулун курмандыкка чалат.

«Сейтек» дастанында Күлчоро жесир калган Айчүрөктү сактап, Сейтекке насаатчы болот, Кыязды өлтүрүп өчүн алат. Таласка келгенде, Канчоронун хансарайына кирип:

  • Мурунку кекти талкалап,Түбү жок сууга салалы. Баатыр аба, кайрадан Тууган болуп алалы!

Ырыс алды – ынтымак Бирдикте болсок бир жерде Катылып душман келеби:

Кол кармашкан элиңди Эзелде душман жеңеби? –

десе, Чачыкей долуланып:

  • Арам аргын какшаалдынАрсыздыгын карачы!

Атадан жетим бир болгон

Тентиген кытай баласы! – деп бакырганда,

Ачууланып Күлчоро Какылдаган долуну, Кара чачтан алды эми.

Коломтодо тулгага

Чамгактай чаап салды эми.

Канчорону коколоп Жүрөктүн толто башына Актинтени салды эми…

Канчоро бардык варианттарда чыккынчы, терс каарман катары бааланат. Ал эми Күлчорого кылык-жоругуна жараша окурман өзү адилеттүү баа берер…

Айчүрөк

«Семетей», «Сейтек» дастандарынын көрүнүктүү каарманы Ооганстандын ханы Акундун кызы Айчүрөк. Атасы менен Манас жаш кездеринде достошуп бел-куда болот. Айчүрөк бойго жеткенде:

Кара  жерге кар жатса, Карды көр да этин көр. Кар үстүнө кан тамса, Карды көр да бетин көр.

Календей кара кашы бар, Кундуздай сулуу чачы бар,

Берметтей аппак тиши бар. Журттан башка иши бар.

Маңдайы жарык, бото көз

Моймолжуган ширин сөз. Күмүш үндүү колоң чач.

Кош каркыра, керме каш, Акак тиштүү, ай нурдуу Алма моюн, түймө баш.

Айчүрөктүн сулуулугуна суктанып куда түшкөндөр көп болот, бирок ал кудалашкан күйөөсү Семетейди күтүп жүрө берет.

Бала кезинен Бухарада өскөн Семетей, атасы Манас кудалашкан  колуктусу бар экенин билбейт, Чачыкейге үйлөнөт.

Семетейге эрегишкен Чынкожо менен Толтой кудалашкан колуктусун зордук менен алабыз деп Ооганстанды курчап келгенде, Айчүрөк эл-журтун сактап, атасынын Манаска берген убадасын аткарыш үчүн аккуу болуп учуп Таласка келип, Чачыкейге жолугуп бардыгын айтып, жакшылык менен жашайлы, ата салты боюнча эже-сиңди бо лолу,

Чынкожо, Толтой деген жоо Семетей менен кас экен.

Камсыз жаткан төрөңө. Кара боору таш экен… Мага эже сен болсоң Сага сиңди болоюн… Кололуу кумган колго алып, Кол жуугучуң болоюн…

Бет жуугучуң болоюн,– деп жалынат.

Чачыкей долуланып кабыл албайт. Айчүрөк кылар ишин ачык айтып, Семетейдин Ак шумкарын алып кетет. Семетей артынан барып Ооганстандын элин Чынкожо, Толтойдон куткарып, Айчүрөккө үйлөнөт.

Айдай сулуу Айчүрөк эл журтун сүйгөн, ар-намысын, зайыптын милдетин, тазалыгын ыйык сактаган айым, кайнатасы Манастын элесине кудайындай сыйынат, алдыдагы жакшылык-жамандыкты жүрөгү менен сезет. Семетей Конурбайдан оор жарадар болгондо, Айчүрөк   ок аттап, тазалыгы, сүйүүсү менен өлүмдөн сактап калат.

Чыккынчы Канчоро менен Кыяз Семетейди жок кылып, запкы көрсөтө баштаганда, Каныкей кайратынан кетип, өзүнө өзү канжар сайып өлмөк болгондо, Айчүрөк: – Үмүттү үзбөй, энеке, Жанымда туруп туруңуз!

Жалгызыңдан бир туяк

Белек калган өңдөндү, Өсүп чыгып, кек алчу Зерек калган өңдөндү! Аман-эсен төрөлсө Тутка болор элине.

Өлбөй туруп, энеке, Ошол күндү көрөлүк…

Кантип аман сактайбыз Асылдан калган баланы…

Ошонун жолун табалы,–

деп канжарын алып ыргытып, кайненесине кайрат берип сактап калат. Жапжаш Айчүрөк кайгылуу кыянатка бел байлап, Сейтекти төрөп, бапестеп багып, душмандан сактап, Манастын тукумун үзбөй, кыргыз элинин  үмүтүн өчүрбөй улантат. Айчүрөк чырайлыктын, тазалыктын, мээримдүүлүктүн, ыймандуулуктун үлгүсү.

 

Бай Жакып

Манастын атасы бай Жакыптын туруктуу мүнөзү – сараңдык, орто жашка келгенче бала көрбөй:

Акыретке бет алсам, Алтын, күмүш, пул калат.

Айдаган малга ээ болуп,

Мен кеткенде, ким калат? –

деп зарлайт. Токолу Бакдөөлөт: «Жакшы түш көрдүм, буюрса, балалуу болобуз, аянбай мал союп, түлөө өткөрөлү» – десе, бай Жакып:

– … Антип малды не кырам? Мал түгөнүп калган соң

Көргөн түшүң не кылам?

Байлык-бакыт мал деген.

Биздин тирлик мал менен.

Жанга жакпас сөз баштап,

Куруп кетсин аңгемең! – деп тилдейт.

Отузга чыкканча никелүү аялы жок Манас атасына:

…Баланы ата үйлөнтмөк Баштагынын наркы экен…

Малга кароо сырың бар,

Мал жагына келгенде

Басылбаган чырың бар,– деп таарынат.

Манас эл-журтун бириктирип, мамлекет куруп, Таласка жайлашканда бай Жакып:

– …Уулум Манас, өлсөңчү! Өрттөй уулу өлдү деп, Ушу жерге көмсөмчү!..

Укпай койдуң сөзүмдү. Көп малымды түгөтүп Көммөк болдуң өзүмдү! Сандаган түшкөн мал кайда? –

деп жемелеп, Манасты капа кылат.

Семетей Таласка келгенде, бай Жакып сүйүнгөндүн ордуна: «атасын тартса кол жыйнап, ат мингизип, тон кийгизип малымды зарп кылат» деп, Манастан калган жалгыз небересин уу берип өлтүрмөк да болот.

Бай Жакыптын ашкан сараңдыгы акыры анын түбүнө жетип, өз жазасын таптырат.

Бакдөөлөт

Калмактын кызы Бакдөөлөт бай Жакыптын кичүү аялы.

Чыйырды бир нече жылы бала көрбөй, кыргыз элинин эзелки салты боюнча бай Жакыпка токолду өзү алып берет.

Алтайым жакшы жер эле,

Нээти таза, ичи кең,

Калмагым сонун эл эле,

Бөйөндүн уулу Чаянды Калмак деп көөнүн жерибей, Жашыман жаным таянды.

Кызматын актап кылган соң

Бакдөөлөт кызын маа берип,

Чаяндан таптым аялды,– дейт бай Жакып.

Жакында балалуу болору жөнүндө түш көрүп, түлөө өткөрөлү дегенде, бай Жакып малын аяп ачууланганда, Бакдөөлөт:

– Не аяйсың, абышка, Кошундагы малыңды?

Дүнүйөң арбын чалаң жок,

Жүрөсүң ыйлап, балаң жок,

Байкап турсам өзүңдүн

Эл суроого эбиң жок,–деп жемелейт.

Чыйырды Манасты төрөгөндө, кең пейил Бакдөөлөт өз баласындай сүйүнөт.

Бакырып жаткан баланы

Бакдөөлөт жерден алганы, Он бештеги баладай Көтөргөндө салмагы.

«Берген экен Кудайым

Берекелүү баланы!» – Көзү каткан Бакдөөөт Көтөрүп өөп алганы!..

Бакдөөлөт Абыке, Көбөш деген эки уул төрөйт.

Манас каза болгондо, Бакдөөлөт өз баласын жоготкондой ыйлайт.

Бай Жакып: «Семетей сенин уулдарың Абыке, Көбөшкө күн көрс өтпөйт, аякка уу салып өлтүр» – дегенде, Бакдөөлөт:

– Өз баласын өлтүргөн, Кокуй! Сендей жан болбойт!

Ууну, Жакып, чылабайм!

Айтканыңа чыдабайм!

Убалың тиет балдарга!

Кабарың тиет кандарга.

Жамандыгың угулат.

Өзүң теңдүү чалдарга,– дейт.

Бай Жакып өлтүрөм деп токолунун кекиртегине канжарын такаса да, Семетей келгенде, Бакдөөлөт башын чайкап ууну ичирбей, Манастын жалгыз уулун өлүмдөн сактап калат.

Кыргыздар менен эзелтен бери жер талашып, касташып келген калмак элинин кызы Бакдөөлөт өзүнүн кең пейилдиги, адамгерчилиги, мээримдүүлүгү менен, күнүлөш Чыйырдыны эжесиндей сыйлайт, үй-бүлөлүк сый-сыпатты бийик сактайт.

Манастын угармандары калмактын кызы Бакдөөлөттү жогору баалап, кыргыз элинин башка улуттардын өкүлдөрүнө болгон меймандостугунун белгиси катары кабыл алат.

 

Абыке

Абыке, Көбөш Манастын аталаш  бир туугандары.

Эпостун варианттарында Абыке, Көбөш Манаска атаандашкан терс каармандар катары аталат, бирок бул эки бир туугандын кылык-жоруктарын адилеттүүлүк менен иликтесек, экөө эки башка адам экенин көрөбүз.

Чоң казатта кыргыздын хандары, баатыр чоролору курман болуп, Манас көз жумганда, эл-журтка баш-көз боло турган адам жок болуп, бай Жакып эзелки элдик шарт боюнча Абыкеге жесир  жеңең менен никеге туруп Семетейди асырап, кыргыз хандыгын колуңа ал десе, Абыке: «Жеңемди кантип алам? Энемдей болуп калды эле» – деп бийликтен баш тартып, иниси Көбөшкө берет. Көбөш жесир жеңесин зордуктап алмак болгондо, Каныкей Букарга качып кутулат. Семетей Таласка келгенде, Көбөш аны өлтүрмөк болуп каршы чыгат.

Абыке:

  • Чымчыктай кезде айрылган,Чырагым аман келдиңби?

Чырпыктан өсүп жетилген

Чынарым, аман келдиңби? –

деп алдынан тосуп чыгат, Көбөштөн таяк жеген Бакайдан кечирим сурайт.

  • Арбак урган КөбөштүАнык Кудай урду го! Армандуу дүйнө кантейин, Иш бузулуп калды го…

Арманым катуу, дартым зор…

Энелеш болуп калганым Маңдайымда калың шор…

Иттигин көрчү Көбөштүн Жеңем менен кармашты Ургаачы менен касташты.

Атпай кыргыз, көп тууган, Эл сеники, Семетей,

Керилип жаткан кең Талас

Жер сеники, Семетей!..

Аман болгун, жалгызым,–

деп, буркурайт.

… Иттигиңди карматпа, Акмак болуп элирип, Акылыңдан адашпа.

Жамандык албай оюңа,

Жакшылыкка жол башта…

Манастан калган жалгызың… Убалга, ата, калбагын.

Тумшугу жок киши элең Тукумун үзүп салбагын,–деп Абыке атасына жалынат.

Анда Жакып:

– Абыке, сен оңбойсуң, Акмактыгың койбойсуң,–деп тилдеп, Көбөштү Семетейдин башын алып,

Чыйырды менен Каныкейди байлап кел деп жиберет.

Жакып менен Көбөш жазасын тартканда, Бакай: Жакып болсо жайланды, Көбөштүн жолу байланды.

Айласы кеткен Абыке Ак-карасы билинбей Карага иши айланды,– дейт.

Каныкей байланып жаткан Абыкеге келип:

Аман калдың, Абыке,

Ниетиңдин агынан,–

деп куткармак болгондо, Абыке:

Ак да болсом башыма, Азаттык сурап албаймын.

Атам өлүп мен калып,

Агам өлүп, сандалып,

Калк ичинде уялбай

Кантип жүрөм жан багып? –деп курман болот.

«СЕЙТЕК»

«Манастын» үчүнчү бөлүгү – Манастын небереси, Семетейдин уулу   Сейтек жөнүндөгү дастан. «Манас» менен «Семетей» элге кеңири тарап, өнүп-өсүп, көркөмдүгү такшалгандан кийин  «Сейтек» чоң жомоктун уландысы катары  жаралган.

Манастын уулу Семетей атасынын ишин улантып, урууларды кайрадан бириктирип, эгемендүү мамлекет кура албады, пейили кеткен заманда ага-туугандары менен  кармашып, чыккынчылыктан курман болду. Балким мындан ары заман оңолуп, жакшылык болоор деген үмүт менен Манастын небереси Сейтек жөнүндө жаңы жомок жа ралат.

«Сейтектин» мазмуну аянычтуу, окуялардын көбү кайгылуу, белгилүү каармандар оор абалда.

«Сейтектин»  негизги акыл-насааты – өз ара бийлик, байлык талашып бөлүнүп кеткен кыргыз урууларын кайра кошуу, эгемендүүлүгүн чет душмандардан сактоо, атасы Семетейдин кунун кууп, чыккынчы Канчоро менен Кыязды жазалоо. Сейтек чоңойсо элдин бирдигин бузгандарды күнөөсүн тарттырып, чачылган кыргызды кайрадан чогултуп,  Манастын убагындагы күч-кубатка жеткирет деген элдин үмүтү дастандын башынан аягына чейин угулуп турат. Сейтек эр жетип, бузукуларды жазалайт, Таласка келип, кыргыз урууларын кайрадан бириктирет. Бакай, Каныкей, Күлчоро, Айчүрөктүн күткөн тилектери орундалат, алар:

Биз кеткенде сапарга, Арка басар Сейтек бар.

Үзүлүп кетсе улачу, Чачылып кетсе жыйначу, Берен кутман элиң бар.

Кыжылдаган жоо келсе,

Жолотуп жоону киргизбей,

Канаттууга кактырбай,

Камчылууга чаптырбай

Баш-көз болор Сейтек бар»,–

«Эми  биздин  тилегибиз  орундалды,– деп  батасын берип, кайып  болушат.

«Сейтек» дастанында кыргыз элинин биримдүүлүккө, эгемендүү лүккө куса болуп эңсегени, өз өлкөсүнө, ата-мекенине өзү ээ болуп, өз тагдырын өзү чечүүгө умтулган үмүтү шаңданып турат.

– Атаң Манас арбагы Элиңе дайым жар болсун!

Сапар жүрсөң алыска,

Жол баабедин шай атаң, Балам, сени колдосун!

Жолугушуп касташкан,

Душмандын жолу болбосун! Касташкандын жолуна.

Кара таш тоодой үйүлсүн, Атагың чыгып ааламга Айкөлдүгүң билинсин!

Кара кылды как жарган

Калыс болгун калкыңа,

Үзүлгөндү улап бил,

Чачылган журтту жыйнап жүр, Жергелеш болгон конушка, Журтуңдун көөнүн оорутпа! Акылман болсун чалдарың, Кайраттуу болсун балдарың. Мээримдүү болсун энелер,

Ыймандуу болсун ар дайым. Кыргызда кыз-келиндер. Батасын угуп Бакайдын Үмүттөндү калың журт:

«Буйруса бүтүп кыргызга

Жакшылык эми болор» деп

«Канатын жайып эл-журтка

Адилет кушу конор»,– деп Сыйынып Көкө Теңирге Чогулган эл дуу болду.

Асманды жарган чуу болду.

Бакай карыянын хан көтөрүлгөн Сейтекке берген батасы жылдан жылга, кылымдан кылымга өтүп, элибиздин келечекке болгон  үмүтү  үзүлбөй келе жатат…

«Сейтек» дастанынын ондон ашык жазылган варианттары бар. Саякбай Каралаев жана башка манасчылардан Сейтектин неберелери Кулансарык, Алымсарык жөнүндөгү баяндар жазылган.

1941-жылы Ата-Мекендик согуш башталганда «Сейтектин» сюжети да, көркөмдүгү да өнүп, өсөт. Саякбайдын айтуусунда Сейтектин урпактары Панфилов дивизиясында фашисттерге каршы согушат.  «Манастын» патриоттук, жоокерлик кайраты элдин эсине салынып жаңыланат.

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу