Томдук

Кыргыздар 23-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев, Бакыт Мырзатаева

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

23-ТОМ

Кытайлык кыргыз окумуштууларынын изилдөөлөрү

Түзгөндөр:  Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Бакыт МЫРЗАТАЕВА

Бул томдукта кыргыздардын сынчылык маданиятындагы жеткен бийик белестер: адам, ат, канаттуулар сынчылыгы жана көчөт маданиятынын терең маанимазмуну тууралуу түшүнүктөр, баалуу изилдөөлөр жана кыргыз маданиятынын өнүгүшү тууралуу маалыматтар киргизилди. Берилген материалдар М. Өмүрбай уулунун «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» аттуу китебинин жана А. Жуматурду уулунун «Кытай кыргыздары» деген эмгегинин негизинде түзүлдү.

Эмгекти кытай тилинен которгон: Мээрим ЖОЛДОШБЕКОВА

Котормону түп нуска менен салыштырган жана редакциялаган: Дабыт АБДЫЛБАРЫ уулу

 

АДЫЛ ЖУМАТУРДУ

ҮЧҮНЧҮ БАП

  КЫРГЫЗ УЛУТУНУН ЭЛДИК МАДАНИЯТЫ

БИРИНЧИ БӨЛҮК

  ЭЛДИК ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА

Өндүрүш технологиясы жагынан, байыркы кыргыздардын өндүрүш технологиясы мыкты болгон, муну жогорку Эне-Сай дарыясынын аймагындагы байыркы кыргыздардын конушунан табылган археологиялык казуулар далилдеп турат. Алардын ичинен тегирмен ташын казып алуусу өзгөчө көзгө урунат, аны данды майдалоодо колдонушкан. Бул түрдөгү тегирмен ташы байыркы ээр түрүндөгү дан тарткычтын ордун баскан. Адамдардын ишинин жылышын жакшыртып жана кара жумушту азайткан. Мындан тышкары, соколор, ороктор, отогуч жана балталар табылган. Сяцзясы темир усталарынын металл иштетүү чеберчилиги да белгилүү болгон. Казуулардан табылган ар кандай көлөмдөгү темир шибеге, ат такаларын жана башкаларды жасоодо колдонулган, ошондой эле алтын, күмүш жана коло чиймелерди жасоодо колдонулган кескичтер да болгон. Сяцзясы курал жасоо чеберчилиги Таң династиясында белгилүү болгон. Сяцзясы күмбөздөрүнөн казылып алынган буюмдарга караганда 6-8-кылымдарда негизинен үч кырдуу, үч канаттуу жебе жана жебе-жаа жасалган[1].  Мындан тышкары, сяцзясы темир усталары ар кандай куралдарды, мисалы кылычтарды жана канжарларды, ошондой эле көп сандаган калкан жана учтуу туулга, ээрлер, үзөңгүлөр сыяктуу көптөгөн ат жабдыктарын жасашкан. Мындан тышкары күмүш табактар, алтын кумура, алтын идиштер жана ар кандай жасалгалар жасалган. Идиштерди жасалгалоо менен гана чектелбестен, руна сымал жазуулары жана оймо-чиймелери менен чегилген, бул ошол кездеги алтын, күмүш жана коло өндүрүү технологиясынын абдан жогорку деңгээлге жеткендигин айгинелейт. Алар ошондой эле денени коргоочу соот-шаймандарды жасашкан, тарыхый жазууларда: «Атчан аскер жыгачты калкан кылып, дене бутун калкалаган; тоголок калкан менен ийиндерин жабышкан, ал жебеден жана бычактан коргогон»[2]; «Жыгачты кайчылаштырып, жебеден коргонушат, жебе сынбайт»[3], бул жазуулар алардын жыгачтан жасалган курал-жарак технологиясынын өтө жогорку деңгээлге ээ экендигин көрсөтүп турат.

Астрономиялык жылнаама боюнча, кыргыздар түрк элдеринин ичинен биринчиси болуп, күндүн, айдын, жыл мезгилдердин, жылдын жана 12 мүчөл жылдын жылнаамасын колдонгон. Ошондой эле, кыргыздардын атабабалары он эки мүчөл жылдын жылнаамасын түзгөндүгү жөнүндө уламыш бар: Илгери, кыргыздын бир падышасы болгон, өз аскерлерин менен бир нече жылдар бою согуш майданында болуп, жеңип же жеңилген учурлар да болгон. Падыша бул согуштарды жаздырып, тажрыйба жана сабак катары келечек муундарга өткөрүп берүүнү каалайт, бирок жылнааманын жоктугунан аларды жазуу мүмкүн эмес болгон. Ошондуктан, падышанын акылдаш жакындарын чакырып, жылнаама түзүү боюнча оюн айтат, жана аларга бул боюнча өз ойлорун айтууга чакырат. Падыша сарайындагы бардык жарандык жана аскер кызматкерлери чогулуп, өз ойлорун билдирип, сунуштарын айтышат. Акыры бир добуштан жылды жаныбарлардын аты менен жазууну чечишет. Падыша кол астындагыларга дарыянын айланасында аңчылык кылууга буйрук берип, жана жаныбарларды дарыяга айдап баргыла дейт. Жаныбарлардын он эки түрү дарыянын аркы өйүзүнө сүзүп өтөт, ошентип ушул он эки түрдүн атынан жылнааманы аныкташкан. Алардын арасында чычкан кичинекей жана ийкемдүү болуп, биринчи болуп жээкке чыккан. Дал ушул жерде, чочко эң акылсызы жай сүзүп, акыркы болуп жээке чыккан. «Байыркы цивилизациянын гүлү» болгон он эки мүчөл жылдын жылнаамасынын түзүлгөн күнүн белгилөө үчүн бүтүндөй өлкөдө, жайлоолордо ар түрдүү оюн-зооктор кырк күн бою өткөрүлөт. Бул ачылыш коңшу уруулар жана хандыктар тарабынан тез кабыл алынган. Кыргыздар ар бир адамдын мүчөл жашы жаныбарлар менен тыгыз байланышта болот деп эсептейт, ал эми мүчөл жашы – бул адамдын бактысыздыгын жана бактысын аныктайт деп ишенишкен. Эгерде адам мүчөл жылы болгон жаныбарды сыйласа, анда ал корголот, антпесе ал жазаланат. Кыргыз эли ар бир адамдын мүчөл жашы, ал үчүн бактысыз жыл болот деп эсептешет. Мүчөл жашы келгенде, табакты сындырып, жагымсыз нерселерди үч жолу башынан айлантып, андан кийин башкаларга берип, кырсыктардан алыс болуу үчүн тиленишет. «Манаста» мындай баяндалат: Манас ат минип согушка аттанганда, аялы Каныкей ага быйыл анын мүчөл жашы экендигин эскертип, бактысыздык көп болуп, бакыт аз болушу мүмкүн, ошондуктан ал этият болушу керектигин айткан. Эч качан эч нерседен коркпогон баатыр Манас муну уккандан кийин, ушунчалык катуу олонуп, сарсанаа болуп, камчы менен атын бир нече жолу чаап, абдан катуу кайгырган. Кыргыздар  мүчөл жашында өтө этият болушат.

Кыргыздар мүчөл жыл жылнааманын негизинде бир жылда он эки ай, бир мезгилде үч ай, бир айда 30 күн бар деп белгилешкен, дыйканчылыкка жана мал чарбачылыгына да карата колдонушкан. Байыркы кыргыз элинде жума түшүнүгү жок болгон. Аны Исламды кабыл алгандан кийин гана колдоно башташкан. Байыркы кыргыздар жыл сайын биринчи айды козунун айы деп аташкан, анткени биринчи ай төл алуу мезгилине туш келген, экинчи айды чоң козу айы, анткени козулар экинчи айда бир аз чоңоюшкан; үчүнчү ай тай айы деп аталат, анткени үчүнчү айында жаз келип, күн жылуу болуп, гүлдөр ачылган, жайыт жерлерде чөп жашыл болуп козулар чоңоюп, семиришкен. Бул аталыштардын бардыгы алар иштетип жаткан өндүрүшкө байланыштуу. Таң доорунда Эне-Сай дарыясындагы кыргыздар экинчи айда үрөн себишкен, ошондуктан ага чейин даярдык көрүшкөн, тогузунча айда түшүм алышкандыктан, кампаны оруп-жыйноого чейин даярдашкан.

Байыркы кыргыздар ар бир жылды ар башкача чечмелешкен. Мисалы, алар уй жылында согуштар көп болот деп эсептешкен, анткени уй сүзөөнөк келет, балык жылы жаанчыл болуп, балыктар сууда жашагандыктан дан жана чөп көп жыйналат; жолборс жылы суук болуп, дарыянын суусунун жарымы тоңот. Чычкан жылында кургакчылык болот….

Алар ушул жылдардын өзгөчөлүктөрдүн негизинде тиешелүү даярдыктарды көрүшкөн. Кыргыздар бирдиктүү колдонуп келген Григориан жылнаамадан тышкары, он эки мүчөл жыл жылнааманы да колдонуп келишет. Кыргыздар майрамдаган салттуу улуттук майрам – Нооруз ушул жылнааманын ыкмасы боюнча эсептелет, ошондой эле кыргыздар балдардын жаш курагы он эки мүчөл жыл белгисинин негизинде эсептешет. Жаңы төрөлгөн ымыркайга ысым берүү да аны менен тыгыз байланышта болушу керек. Балык жылында төрөлгөн кыздардын ысымына «балык кыз», уй жылы төрөлгөн эркек балага «кунан» сыяктуу сөздөрдү кошушкан.

Кыргыздар жылдын 12 айын күндүн, айдын жана жылдыздардын жылышына, ошондой эле күн, айдын тутулуусу жана жылдыз учкан сыяктуу астрономиялык кубулуштарга жараша бөлүп, аларды он эки жылдыз төлгөнүн ысымдары менен атаган. Алар: биринчи ай-кой, экинчи ай-букачар, үчүнчү ай-эгиздер, төртүнчү ай-бөйөн, бешинчи ай-арстан, алтынча ай-бийкеч, жетинчи ай-тараза, сегизинчи ай-чаян, тогузунчу ай-жаачы, онунчу ай-текечер, он биринчи ай-суу куяр, он экинчи ай-балык. Мындай жылнаама бир нече убакытка чейин колдонгондон кийин, кыргыздар жаныбарлардын аттарын, жылдыздарды жана айдын кыймылына жараша жыл эсебин өзгөртүшкөн. Албетте, бул жылнааманын өзгөрүшү кыргыздардын жашоо чөйрөсүнө негизделген жана байыркы кыргыздар жылнааманы айыл чарба өндүрүшү жана мал жаюу үчүн колдонуп келген. Кыргыз жылнаамасында он эки айдын белгилүү ысымдары жана мааниси бар. Учурдагы Григориан жылнааманын тартиби боюнча: биринчи ай (январь) – бирдин айы, бирдин – биринчи иреттик сан, айы – ай, ал эми чогуу – бир жылдын биринчи айы дегенди билдирип, баса белгилөө жана маани берүү маанисин камтыйт. Экинчи ай (фебраль) жалган куран, «куран» – эркек элик. Эликтер тогузунчу айда жупташып, кийинки жылдын экинчи-үчүнчү айларына туут мезгили туура келет. Экинчи ай – туут мезгили келсе да, жупташкан эликтер тууйбу же жокпу дагы деле белгисиз. «Жалган» калп же жалган дегенди билдирет, ошондуктан биринчи ай кыргыз тилинде «жалган куран» деп аталып калган, эгер ургаачы боозубаса, анда эркек жаныбардын аты бар заты жок дегенге жатат. Үчүнчү ай (март)- чын куран, «чын» анык же чыныгы маанини билдирет, бул экинчи айдын маанисине толугу менен карама-каршы келет, анткени туут үчүнчү айда толук аяктайт, бооздугу билинип жана түйүлдүгү да анык болот. Ошондуктан, экинчи ай «чын куран» деп аталган. Төртүнчү ай (апрель) – бугу. Бугу төртүнчү айда көбөйгөн, ошондуктан ушундай аталган. Бешинчи айына (май)- кулжа, кулжалар жетинин айында жупташып, бештин айында жупташуу аяктап, алар төртүнчү айда туушкандыктан «кулжа» деп аташкан. Алтынчы ай (июнь) – теке деген ат берилген. «Теке» – эркек жапайы эчки. Бештин айынын 20-30 күнүндө, үчтүн айында жупташуу болуп, бул мезгилде кандайдыр бир кырсык болуп калса, жапайы эчкилер табигый өзгөрүүлөрдү алдын ала сезип, жупташуу мезгили 15 күн, алтынчы айда туут мезгили, ушундан улам бул ай «теке» деп аталган. Жетинчи ай (июль) баш оона, бул эркек бугу үчүн эң жогорку үйүгүшүү мезгили болгондуктан бугу беймарал жана жайбаракат жүрө албайт, жуп издейт. Бул кезде үйүгүшүүнүн өзгөчө белгиси – башта. «Оона» деген кыймыл-аракеттин сөзү, ооноо, тегеренүү жана ээлигүү, айдын аталышы ушундан келип чыккан. Сегизинчы ай (аугусть) – аяк оона. Бугунун жашоо адаттары ушул айда эң ачык байкалган. «Аяк» бутту, астыңкы бөлүктү жана куйрукту билдирет. Тогузунчу ай (сентябрь) – тогуздун айы, кыргыздарда тогуз – ыйык сан. Бул ай мал чарбасы үчүн түшүм мезгили. Онунчу ай (октябрь) – жети саны да ыйык сан, андыктан бул ай жетинин аты менен аталган.

Он биринчи ай (ноябрь) – бештин айы, 5 натурал сан, беш да ыйык сан. Байыркы кыргыздар 5 санын жакшы көрүшкөн, ошондуктан бул ай 5 деген атка ээ болгон.  Он экинчи ай (декабрь) – үчтүн айы, 3 натурал сан, элдин маанисин билдирген, бул жыл баарынын биримдигинде жана күрөшүндө өттү, келерки жылы биримдиктин рухун тереңдетүү максатында ушул ат ыйгырылган[4].

Таң доорундагы кыргыздар «жылдын биринчи айын ай башы, жыл айларын ай(«谓岁为茂师,谓日为哀»)» деп атаган. «茂师-Маоши», кыргыз тилиндеги «баш» сөзүнүн транслитерациясы, «哀-ай», кыргыз тилиндеги «айдын» транслитерациясы. Үч ай биригип, жылдын чейреги же төрт мезгилди түзөт.  Демек, бул Таң доорундагы кыргыздардын бир жылды он эки айга бөлгөнүн көрсөтөт. «Таң династиясынын жаңы тарыхы» жазуулары боюнча байыркы кыргыздар «жылдын биринчи айы ай башы, үч ай жылдын чейреги» катары жаз, жай, күз жана кыш деп төрт мезгилге бөлгөн. Бул кыргыз аймагында тараган Баш айы жыл эсебине толугу менен шайкеш келет. Баш айы биринчи айды билдирет, «Таң династиясынын жаңы тарыхы»жазууларында «Баш ай» жылдын жаз мезгили. Бул Григориан календары боюнча бугу айынын (март) 21-22 күнүнө туура келет. «Баш ай» жылнааманын биринчи айынын биринчи күнү жана кыргыздар бул күндү «Нооруз» деп аташат, ал Жаңы жылды билдирет. Ошондуктан баш ай «Норруз айы» деп да аталат. Бир жылды 12 айга бөлгөн, тактап айтканда, баш ай, корук ай, күкүк ай, чилде ай, сарыча ай, кыркүйөк ай, мизам ай, карачай ай, казан ай, каңжар ай, акпаң ай, чил ай деп да айтылат. 1-6 ай 31 күн, 7-11 ай 30 күн, ал эми 12 ай 29 күнгө бөлүнүп, жалпысынан 365 күн. Кыргыздардын Жаңы жыл майрамы Нооруз. Ал Баш айы жылнаамасы боюнча өткөрүлөт.

Тарыхчы Анвар Байтурдун жүйөөсү боюнча, Эне-Сай кыргыздары биринчи болуп салыштырмалуу илимий жылнааманы колдонгон. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир айдын аталышында эки салттык жыл эсеби сакталып калган. Алардын бири – кыргыздарга тиешелүү тарыхый булактарда айлардын аттары жана алардын маанилери так жазылган. Мисалы, кыргыздардын жазгы күн менен теңелген күнү (Григориан календары боюнча бугу айынын жыйырма бири) – бул Нооруз, башкача айтканда, жаздын майрамы, ал жылдын башталышын билдирет жана биринчи ай да жаздын күнүнөн баштап эсептелет. Жогоруда келтирилген айдын аталыштары аба ырайына, өндүрүшкө жана жаныбарларга байланыштуу болгон.

Кыргыздардын узак мезгилдүү өндүрүшүндө жана жашоосунда чыгыш, батыш, түштүк жана түндүк багытты жаратылыш кубулуштарынын кайталанган мерчемине ылайык аныктаган. Күн маалын күн чыккан, чак түш жана күн батар деп бөлүшкөн, ал эми түнкү алтын казык жылдыздын турган абалына жараша аныкталган. Кыргыздар жети каракчы алтын казыктын кыймылына ылайык, бир күндү 12 маалга, ал эми ар бир маалды эки саатка бөлүшкөн. Ошондой эле, кыргыздар жаз, жай, күз жана кыш мезгилдеринин төрт мезгилин кой, чаян, тараза, текечер сыяктуу жылдыздардын кыймылына жараша аныкташкан. Кыргыздардын толук жыл эсептөө ыкмасы Таң дооруна чейин пайда болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда, ошол мезгилде он эки мүчөл жыл жылнаамасын колдонушкан, мисалы, биринчи жылы «子цзы» – чычкан жылы,  «戌-сюй»  ит жылы. 1912-жылдан баштап, кыргыздар Григориан календарын колдонуп, чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, доңуз сыяктуу салттуу мүчөл жыл жылнаамасын колдонушат.

Кыргыздар он эки жылдык жыл сүрүүнү түзүп гана тим болбостон, көптөгөн астрономиялык билимдерди да топтогон. Алар кең аймакта жашап, байыртадан бери мал чарбачылык менен алектенип, көбүнчө чексиз жайлоодогу көч учурунда, бара турган жерин табуу үчүн асманды карап багытын аныкташкан. Көп жылдык тажрыйбадан кийин жылдыздуу асман (аалам) жөнүндө көптөгөн билимдерди жыйынтыкташкан. Азыркы учурда тоолуу жайлоодогу айрым кыргыздар күзгү түнү, асмандагы жетиген жылдызынын абалына таянып, койду карап нөөмөттө турушкан. Чолпон жылдыз чыкканда кыргыз малчылары жайлоодон малды кайра сарайга айдап келишкен. Кыргыз саякатчылары түнкү саякат учурунда Темир Казык жылдызды карап багытын аныктаган, ар бир топ жылдыздын жайгашкан жеринен түнкү маалды так айырмалашкан, аба ырайын да алдын ала билишкен. Кыш мезгилинде, күндүн айланасында кызаруу пайда болгондо, бир нече күндүн ичинде калың кар түшкөн, эгер бир аз кызарса, эртеси суук болуп же жеңил кар жааган. Күн чыккандан кийин кичине кызыл болсо, эртеси аба-ырайы суук болгон, күн кызарып батса, эртеси аба-ырайы бир аз жылуу болгон. Бул билим узак мөөнөттүү байкоолордон келип чыккан жана белгилүү илимий далилдерге ээ. Көчмөндөрдүн салттуу өндүрүшү климаттын өзгөрүшү менен тыгыз байланышы бар. Жупташтыруу, козу тууту, көчүү, жүн кыркуу, тоют камдоо, кышка камдыкты баштоо ж.б.у.с. иштердин убактысы аба-ырайына жараша чечилген. Кыргыздардын ата-бабалары астрономиялык кубулуштардын өзгөрүшү климат менен тыгыз байланышта экендигин байкашкан. Ошондуктан, алар жыл мезгилдерин аныктап, аба ырайын астрономиялык кубулуштардын өзгөрүшүнө жараша болжолдошкон. Кыргыздар негизинен жылдыздардын кыймылынын өзгөрүшүнө жараша төрт мезгилди аныктаган. Алар кой, чаян, тараза, текечер жана башка жылдыздардын жылышы төрт мезгилдин өзгөрүшүнө байланыштуу экендигин байкап, төрт мезгилди ушул жылдыздардын жылышына жараша аныктаган. Мындан тышкары, кыргыздар мезгилди үркөр жылдыздын кыймылына жараша бөлүшкөн. Мисалы, үркөр жылдызды ар бир жылда биринчи болуп пайда болгондо, ысык жай өткөнүн, салкын күз келе жаткандыгын билишкен. Үркөр жылдыздын үзгүлтүксүз көрүнүшү күздүн башталышын, күзгү шүүдүрүмдү, суук шүүдүрүмдү, кыштын башталышын, кичи суукту, курт-кумурскалардын ойгонушун, ачык күндү ж.б. тактаган, андан кийин үркөр жылдызы кырк күндүн ичинде көрүнбөйт. Бул мезгилди кыргыздар үркөр жылдызы сууга түшкөн же жерге түшкөн мезгил деп айтышат, бул жайдын аптаптуу мезгили деп да аташат. Адамдар үркөр жылдызы жерге түшкөндө кургакчылыкты пайда кылат деп эсептешкен, ал эми үркөр жылдызы сууга түшкөндө жамгыр жаайт деп ойлошот.

Эмчилик (медицина) жаатында, кыргыздар башка улуттар сыяктуу эле, салттуу улуттук дары-дармеги бар, ооруларга каршы күрөшүүдө көп дарылоо тажрыйбаны топтошкон жана өзгөчө элдик медицина тутумуна жана дарылоо ыкмаларына ээ. Айрыкча, элдик дарылоо ыкмалары клиникалык дарылоодо таасири чоң. «Юань династиясынын тарыхы: Географиялык сереп, түндүк-батыш аймактын тиркемеси» жазуулары боюнча, ошол мезгилде кыргыздар «лилия жана пион»[5]  чогултушкан, бул ошол мезгилде чөп дарыларынын кеңири колдонулгандыгын билдирет. Көптөгөн купуя рецепттер жазуу жүзүндө жазылбагандыктан, бара-бара жоголуп кеткен. Мүрөк суусу-жаракат жана аллергиялык дерматитти дарылоодо пайдасы абдан күчтүү. Карышкырдын өтүн, боорун жана аюу майын колдонуу жалпы бийик тоолордогу ооруларды дарылоодо да берген таасири күчтүү. Кыргыздардын элдик медиицинасы жалпы түрк улуттардын тарыхын, маданиятын жана өнүгүүсүн изилдөөдө зор мааниси бар. Кыргыздын улуттук медицинасы узак тарыхка ээ, анын өзүнчө улуттук өзгөчөлүктөрү жана өзгөчө теориялык системасы бар, узак мөөнөттүү өнүгүү мезгилде өтө бай тажрыйба топтогон. Кыргыз медицинасы ар кандай ооруларды айыктыруучу элдик каражаттары көбүнчө тоолуу аймактагы малды жана түрдүү чөптөрдү дары-дармек катары колдонушкан. Үй жаныбарларынан жылкынын эти, сүтү, жүрөгү жана сөөктөрү; койдун эти, майы, бөйрөгү, көзү, өтү; төөнүн эти, сүтү ж.б. Жапайы жаныбарлардан негизги кирпинин, карышкырдын, коёндун эти жана ички органдары. Куштардан кыргоолдордун, кекиликтин, сагызгандын, таранчынын жана бактектин эти, сөөгү жана ички органдары. Минералдык заттар: темир рудасы, магнетит, көк таш, жез, алтын, күмүш, гипс, мирабилит ж.б. Жапайы өсүмдүктөрдөн кодонопсис, эфедра, кызыл мыя тамыры, каакым, адырашман, эрмен, арча ж.б. дары-дармек катары көбүнчө колдонулат. Бул элдик ыкмалар байыртадан бери эле айылда жана жайыт жерлерде ооруларды алдын алуу жана дарылоо үчүн негизги дарылар. Алардын көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келе жатат, айрымдары клиникалык түрдө медицина тармагында да колдонулуп, айрымдарын дагы тереңирээк изилдеп жатышат.

Кыргыздардын элдик медицинасынын мурастарын изилдөө, анын тарыхын, жайылышын жана мүнөздөмөлөрүн изилдөө, элдик рецепттерди чогултуу жана сорттоо, ошондой эле клиникалык колдонулушун байытуу максатында, КСКАОнун саламаттыкты сактоо мекемеси уюмдап, областык ортопедия ооруканасынын адистери кыргыз медицинасын терең жана кылдат иликтеп, иликтөөнүн жыйынтыгында «Кыргыз эмчилиги» аттуу китебин түзүшкөн.

Элдик медицина боюнча сурамжылоо негизинен: Тийиштүү тарыхый документтерди изилдөө; Улгайган адамдар менен маектешүү, элдик уламыштарды жазууну уюштуруу; Эл арасында жүгүртүлүп жүргөн элдик ыкмаларды чогултуу; Чогулган рецепттерди классификациялап, сорттоп патологиялык жана фармакологиялык анализ жүргүтүү, аларды клиникалык практикада колдонууга кеңири жайылтуу. Изилдөө боюнча, кыргыздар Эне-Сай дарыясынын алабында жашаган мезгилинде эле, бейтаптарды жана жарадарларды дарылоо үчүн дары чөптөрдү колдоно баштаган. Ошол мезгилде согуштун алган жараларын айыктыруу үчүн арстандын өтү колдонулган, жаракат алгандардын калыбына келүү жөндөмүн жогорулатуу үчүн маралдын эти беришкен. Карышкырдын өтүн шишикке сүртүп дарылашкан. Аркарды өтү жана чөптөрдүн кайнатмасы тамак сиңирүү жана ич көбүү сыяктуу ооруларды дарылайт. 8-9-кылымдарга чейин, кыргыздар ооруларды аныктоодо тамыр кармоону колдоно башташкан. Дарылоо жагынан алганда, ар кандай чөптөрдү, минералдык заттарды, жаныбарлардын этин, ички органдарын ж.б. колдонуудан тышкары, ооруну жана жаракатты дарылоо үчүн ички же тышкы колдонуу ыкмалары да болгон, тамактануу ыкмасы дагы көп колдонулган. Суук ооруларга элик, куландын эти, койдун эти ж.б.; Ысык ооруларга майлуу эмес табияты суук тамактарды жешет. Ошол эле учурда, алар малдын каны, боору, өтү ж.б.у.с. менен чөп дары жасашкан. 17–18-кылымда кыргыз медицинасы дагы өркүндөп өскөн. Бул мезгилде элдик дарыгерлер ооруларды суук тийди, ысык өттү, сыз өттү, жел турду жана кургак оорусу деп беш түргө бөлүшкөн. Суук таркатуу, ысыкты чыгаруу, нымды жок кылуу, дем алууну калыбына келтирүү сыяктуу ар кандай ыкмалар менен дарылашкан.

[1] Киселев С.В., Түштүк Сибирдин байыркы тарыхы (2-бөлүм), Шинжаң коомдук илимдер академиясынын этникалык институтунун котормосу, 1985, 123 б.

[2] «Таң династиясынын жаңы тарыхы: Уйгурлар баяны», жыйырма жетинчи бөлүм.

[3] Тайпин доорунун географиялык жазуулары: Сяцзясы, жүз жыйырма тогузунчу бөлүм.

[4] Кытайлык кыргыздардан чыккан белгилүү санжырачы жана саресепчи Султаналы Борбодойдун көз карашына негизделди.

[5] «Юань династиясынын тарыхы: Географиялык сереп, түндүк-батыш аймактын тиркемеси». Алтымыш үчүнчү бөлүм.

ЭКИНЧИ БӨЛҮК.  ЭЛДИК АДАБИЯТЫ

Кыргыз элинин элдик оозеки адабиятынын мазмуну абдан бай, көлөмү жагынан эбегейсиз чоң, мазумуну боюнча ар түрдүү жана кеңири таралган. Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңеши тарабынан жарыялаган биринчи жана экинчи «Кытайдын материалдык эмес маданий мурастар тизмегине» «Манас» эпосу жана Памир аймагындагы элдик ыр «Өлөң» кирген. 2009-жылы ЮНЕСКО жарыялаган адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы тизмесинде «Манас» эпосу Кытайдын 21 долбоорунун бири катары тандалып, ал бүткүл адамзаттын оозеки жана эс тутум маданиятынын мүнөздүү чыгармасы аталып, дүйнөлүк маданий мурастын эң жогорку баскычына көтөрүлдү. Мазмуну жагынан кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы астрономиядан, географиядан, адамзаттын жаралышынан баштап, жаратылыштын ийне-жибине чейин, жалпысанан кыргыз коомчулугунун бардык тармактарын камтыйт. Жанрдык же түрү боюнча элдик адабияттын дээрлик бардык түрлөрүн өз ичине алат: миф, эпос, дастан, уламыштар, элдик ырлар, макал-лакаптар, табышмактар, жомоктор, тамсилдер, тамашалар, бата ж.б. Элдик адабият – бул эмгекчил элдин адабияты. Эмгекчилер өз кыялдарын, каалоолорун, үмүтүн, сүйүү жана жек көрүү сезимин элдик оозеки адабиятта чагылдырышкан.

Узак тарыхый жылдарда, кыргыздардын табиятты түшүнүшү жана өзгөртүшү, чындыкка, жакшылыкка жана сулуулукка болгон өжөр умтулуусу, кара ниет күчтөргө каршы күрөшү элдик адабиятынын негизги мазмуну болгон. Элдик чыгармалар өзгөчө сүйүү, жек көрүү, эрдик сезимге толгон, күчтүү душмандарга каршы турууга, алар менен күрөшүүгө, элге келтирилген зыянды жоюуга батынган баатырдык образдардын тобун түзөт. Мекенин жана элин коргоо үчүн тышкы душмандар менен өмүр бою согушкан Манас баатыр, тогуз баштуу желмогузду жеңген Эр Төштүк баатыр, баскынчылар менен согушуп жатып кандуу жерде курман болгон Курманбек баатыр, уруусун коргоо үчүн ар кандай каардуу күчтөргө каршы жан аябай күрөшкөн Жаңыл Мырза баатыр жана мекендин биримдигин коргоо үчүн курман болушкан бир тууган Мамаке жана Шопок баатырлар. Кыргыз элдик адабиятта ушул сыяктуу баатырлардын саны көп. Бул баатырлар элдин амандыгын сактоо, улуттун көз карандысыздыгын коргоо жана мекендин биримдиги үчүн тайманбай салгылашып канын төгүп, жанын беришкен. Кыргыздар бул баатырларды урматтайт, аларга суктанат жана таазим кылат, алардын иштерин эпостордо, дастандарда баяндашат, аларды уламыштарга жана элдик жөө жомокторго айлантып айтып келет. Алар баатырлардын эрдигин даңктап муундарды шыктандырып, тарбиялап келе жатат. Баатырдык эрдиктерди даңазалаган баатырдык эпостор жана каарманизмге ширелген оозеки адабий чыгармалар кыргыз элдик адабиятта өтө маанилүү орунду ээлейт. Бул дагы кыргыз элдик адабиятынын эң көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Манасчы, санжырачы, акын, ырчы – кыргыз элдик оозеки адабиятынын жаратуучусу, сактоочусу, баяндоочусу, мураскери жана жайылтуучусу. Элдик адабияттын түрлөрүнө негизинен эпос, дастан, элдик ырлар, макаллакаптар, табышмактар, кара сөз түрүндөгү мифтер, уламыштар, жөө жомоктор, тамашалар жана ыр менен кара сөз айкалышкан санжыралар кирет. Эпос жана дастан кыргыз элдик адабиятынын эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Азыркы учурда белгилүү жана басылып жарыяланган 100дөй эпос жана дастан бар.

1. МИФ

Миф – кыргыз элдик адабиятынын эң байыркы түрү. Мифтин калыптанышы байыркы адамдардын өндүрүшү жана жашоосу менен ажырагыс байланышта. Кыргыздар – эзелтен бери Эне-Сай дарыясынын жогорку агымындагы токойлуу жана талаа аймагында жашаган байыркы эл, узак жылдар бою кыргыздардын ата-бабалары ал жерде аңчылык жана жайыттарда көчмөндүк менен алектенип жашашкан. Жыш токойлор, көптөгөн канаттуулар жана жырткычтар, күн жана ай, табышмактуу жылдыздуу асман кыргыз ата-бабаларынын элестетүүсүн ойготкон, алар ар башка табигый кубулуштарга өзүнүн элестөөлөрү жана түшүндүрмөлөрү боюнча мифтерди жаратышкан. Бул мифтер кыргыз ата-бабаларынын көз-карашын, алгачкы философиясын, жаратылышка сыйынуунусун, тотемге сыйынууну жана башка алгачкы анимисттик түшүнүктөрүн чагылдырат, илимий кунарга ээ. Мифтер сыйкырдуу окуяларга толгон, баяндоо тили жөнөкөй жан кыска, кыргыз ата-бабаларынын эстетикалык табитин, көз карашын, баалуулугун чагылдырат, алар байыркы кыргыз элинин эстетикасын изилдөө үчүн сейрек кездешүүчү жана баалуу материалдар болуп саналат.

Кыргыз улутунун мифтерин негизинен дүйнөнүн жаралышы жөнүндө мифтер, табигый мифтер, уруунун келип чыгышы жөнүндөгү жана тотемдик мифтер, жаныбарлар жана өсүмдүктөр тегинин мифтери, баатырдык мифтер жана башкаларга бөлүнөт.

Кыргыз элинин дүйнөнүн жаралышы жана табиятка байланыштуу мифтердин мазмуну абдан кызыктуу. Күндүн, айдын жана жылдыздардын пайда болушу, төрт мезгилдеги өзгөрүүлөр, адамдардын келип чыгышы жана кайра жаралуусу, жаратылыштагы ар кандай өзгөрүүлөр, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн пайда болушу сыяктуу өтө бай мазмунга ээ. Дүйнөнүн жаралышы тууралуу миф – эң байыркы миф болуп саналат. Кыргыздардын дүйнөнүн жаралышы тууралуу мифологиясында баштапкы аалам калың туманга толгон, асмандын алдында чексиз деңиз бар, анын үстүндө жер калкып жүрөт, сууда кара балык байырлайт, ал аркасына Көк  өгүздү көтөрүп турат, өгүз мүйүздөрү менен жерди туруктуу абалда тиреп турат. Көк  өгүз чарчаганда жерди бир мүйүзүнөн экинчи мүйүзүнө жылдырат, мүйүздөрүн алмаштырганда жер силкинет. Кыргыздардын ата-бабалары дүйнө үч катмардан турат деп ишенишкен: асман, жер жана жер алды. Асман – Теңир жана күн, ай жана жылдыз сыяктуу кудайлар жашаган мейкиндик; Жер – адамдар менен жаныбарлар жашаган мейкиндик; Жер алды – жети кабаттан турат, анда Кем деген деңиз бар, деңизде балыктар, балыктар Көк  өгүздү көтөрүп турат, өгүздүн мүйүздөрү жерди тиреп турат.

Көк өгүздүн келип чыгышы жөнүндө, кыргыз улутунун мифологиясында абдан кызыктуу сүрөттөлгөн. Уламышка ылайык, байыркы заманда Көк Теңири дүйнөдөгү бардык нерселерди жараткан, адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жерде жашап көбөйгөн. От кудайы бийликти эңсеп, ал жерде үстөмдүк кылгысы келет, ошондуктан ал бардыгын өрттөп, жерди оттун деңизине айландырып, дүйнөдөгү бардык нерсе жок болуп кетүүнүн коркунучунда турат. От кудайынын үстөмдүк кылышы Көк Теңиринин кыжырына тиет, ал От кудайынына жамандык кылууну токтотууга буйрук берет, бирок ал айтканына кулак салбай өз иш-аракетин уланта берет. Көк Теңири ачууланып, алп өгүзгө айланып, өзүнүн кырк кулач курч мүйүзүн колдонуп, оттун кудайына туруштук кылат. От кудайы канчалык катуу күрөшпөсүн, Көк өгүздүн курч мүйүзүнөн кутула албайт, ошондуктан ал Көк Теңириге жалынып, ырайым кылып ага жашына турган жер берүүнү суранат. Көк теңири анын өтүнүчүнө макул болуп, ага асмандан бир бөлүк бөлүп берет. От кудайы асманга качып кетет, муну адамдар «күн» деп аташат. От кудайы дагы деле асманда табиятын өзгөртпөй, ысык тили менен  жерди куйкалап, ысык отко айландырып, дүйнөдөгү бардык нерселердин жашоосуна коркунуч жаратат. Жерди муздатуу үчүн, Көк Теңири Муздак кудайын жерди салкындатуу үчүн жиберет. Муздак кудайын адамдар «ай» деп аташкан. Күндүз күн жерди ысытса, ай түнкүсүн жерди муздатып, жер өз нугуна түшүп, дүйнөдөгү бардык нерселер жаңыланып турат. Көк Теңири жана От кудайы согушканда жер өңгүл-дөңгүл болуп, ой-чуңкурга айланат, натыйжада жерде бийик тоолор, дарыялар жана көлдөр пайда болот. От кудайы кайрадан жерге жамандык кылганга кайтып келбеши үчүн, Көк Теңири Көк өгүзгө айланып, кара балыкты минип, жерди мүйүзү менен тиреп турат. Көк Теңири – дүйнөнүн жаратуучусу. Ал дүйнөдөгү бардык нерселерди жаратып коргойт, акыры жерди көтөргөн көк өгүзгө айланып, эбегейсиз күчү менен жерди тиреп, адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана башкаларды өз кучагына алат. Бул акыйкаттык жана өз жанын аябоочулук сезими күчтүү болгон жаратуучу Көк Теңиринин элеси.

Дүйнөдөгү дээрлик бардык элдердин күн жана айга байланыштуу мифтери бар. Мисалы кыргыз улутундагы күн мифологиясы От кудайынын мифологиясынан келип чыккан мифти, башка этностордун мифологиясынан да көрүүгө болот.

Кыргыздар Жетиген жылдызына сыйынышкан. Аны ыйык жылдыз катары көрүшүп, ал адамдардын бакытсыздыгын азайтып, адамдардын узак өмүр сүрүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептешкен. Кыргыздардын топ жылдыздар тууралуу мифтеринин ичинен Жетиген жөнүндөгү уламыштар эң көп кездешет жана Жетигендин пайда болушунун беш-алты түшүндүрмөсү бар. Көк Теңиринин эки жакшы аты болуптур, биринчиси сарала ат, экинчиси көгала ат экен. Аларды алтын казыкка байлап койгон экен. Күнүтүнү ушул эки атты кайтарган жети күзөтчү болгон, ушул жети күзөтчү жети жылдызга айланган, эл аны Жетиген деп атаган. Башкача варианты: Уламыштарга караганда, Көк Теңиринин аттарына көзү түшкөн жети каракчы болгон, алар асманга аттарды уурдаганга келишет, бирок алардын бардыгын кармай алышкан эмес, ошондуктан аларды кармоо үчүн артынан түшүшөт. Алтын казыктын айланасында аттарды кууп жете алышпайт, бул жети каракчы Жетиген жылдызына айланышкан. Жогорудагы эки баяндама атка байланыштуу, бири ат күзөтчүсү, бири ат уурусу. Жайлоодо жашаган кыргыз малчылары үчүн ат өтө маанилүү унаа болгон. Аттан айрылуу куш канатын жоготкондой, кыймылды кыйындаткан. Жетиген жөнүндөгү уламыштар аттарга байланыштуу болгону көчмөндөрдүн маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.

Ошондой эле Жетиген жөнүндө мифтерде аттарга эч кандай тиешеси жоктору да кездешет. Уламышка ылайык, илгерки заманда жерге тогуз Көк Теңири түшкөн, алар асмандагы ак сарайга кайтмакчы болгондо эки Көк Теңири жок болуп чыгат, ошондуктан алар асманда калып, кайтып келбеген шериктерин күтүшкөн. Убакыттын өтүшү менен алар жылдызга айланып, Жетиген аталып калган дешет.

Астрономия боюнча, Чоң Жетиген жети аркар, үч жылдыз кичи аркар жылдыздар тобу. Уламыш боюнча, илгери бир кыргыз мергенчи кырк аркарды кезиктирип, анын 37 башын атып салган. Калган үчөө качып кетип, сыйкырчылык менен асманга көтөрүлүп, үч жылдыз болуп калышкан. Аңчы артынан кууп келип, ал Көк Теңиринен асманга көтөрүлүүгө жардам сурайт. Көк Теңири анын өтүнүчүнө макул болуп, мергенчи ат минип, жаа алып, ити менен асманга чыгат. Асманга жеткенден кийин, мергенчи жылдызга айланган үч аркарды кубалайт, бирок кууп жете албайт. Натыйжада, мергенчи, анын аты, ити жана жаасы менен жылдызга айланган. Кичи Жетиген топ жылдызы үч жылдыздан турат, аны кыргыздар үч аркар жылдызы деп аташат. Үч аркар жылдыздын жанынан бир нече кичинекей жылдыздарды көрө алабыз, алар: Мергенчи жылдызы, Ит жылдызы, Ат жылдызы жана Жаа жылдызы. Үч аркар жылдызынын мифинде аңчылык маданий өзгөчөлүктөрү чагылдырылган.

Жогоруда айтылган асман, жер, күн, ай жана жылдыздар жөнүндөгү мифтерден тышкары, кыргыздарда табигый кубулуштардын колдоочусун сүрөттөөгө арналган атайы табигый кубулуштар мифологиясы да бар. Мисалы, чагылган пири, кар пири, кыш пири жана шамал пири жөнүндө мифтер.

Кыргыздар чагылган пирине сыйынышат жана аны аңчылык менен мал чарбасынын колдоочусу деп эсептешет. Биринчи жазгы күн күркүрөгөнүн укканда, кыргыздардын бардыгы казандарды, табактарды, идиштерди жана башка идиштерди калдыратып, боз үйдү айланышып: «Жер жарылып көк чык, желин жарылып сүт чык!» – деп кыйкырышкан. Кээ бирлери малды курмандыкка чалып, чөп, сүттүн мол болушун, эл жана малдын амандыгын тилешкен. Мындай курмандыкка чалуу иштери кыргыз тилинде «түлө» деп аталат.

Кардын пири кыргыз тилинде «Ак ата» деп аташат, ал дагы кыргыздардын жакшы көргөн пири катары сүрөттөлөт. Ал абдан чоң жана асманда жашайт. Кээде ал ак карга айланып, жерге түшөт. Кар пири түшкөндө, жерде дан эгиндери мол, жайыттар берекелүү болуп, малдар семирип, элдин саны өскөн. Ошондуктан, кыргыз эли кар пири жерге түшкөндө, ал адамдарга бакыт жана бакубатчылык алып келет деп үмүттөнгөн.

Кыштын пири – кыштын кожоюну, кыргыздар аны «Аяз ата» деп аташат. Аны согушчан мүнөздүү пир деп сыпатташкан. Уламыш боюнча, ал ар дайым кылычын курчутуп, жер пири менен ар бир жылы тогуз жолу, ар бир жолу тогуз күн бою согушкан.

Шамалдын пири – Жел кайып (көйкап), ал абдан күчтүү. Уламыш боюнча, ал алыскы жердеги түбү жок кара тешикте жашайт, ал тешиктен чыкканда, жерде катуу шамал болот.

Кыргыз мифологиясында жаныбарлардын пири көп: Уйдун пири – Зеңги баба, жылкынын пири – Камбар ата, төөнүн пири – Ойсул ата, койдун пири – Чолпон ата, ит төрөсү – Кумайык, куш төрөсү – Буудайык ж.б. Көптөгөн пирлер жаныбарды баккан ата-бабалары деп эсептешет. Мисалы, уйдун пири – Зеңги баба, алгачкы замандарда Зеңги баба деген адам болгон деп айтылат. Ал адамзаттан биринчи болуп уй баккан адам, эл аны сыйлап уйдун пири деп аташкан. Жылкынын пири, төөнүн пири жана койдун пиринин аталыштары уй пиринин келип чыгышы менен бирдей. Камбар аксакал дүйнөдө жылкыны баккан биринчи адам, Ойсул аксакал төөнү баккан биринчи адам, Чолпон аксакал биринчи кой баккан адам, ошондуктан алардын аттары жылкы пири, төө пири жана эчкинин пири болуп калган. Мындан тышкары, кыргыз улутунда Кумайык деген тайгандын төрөсү болгон, кумайык бүркүттүн тукуму имиш, бир жолу ээн жана эл жашабаган тоодо муштумдай болгон күчүк тууйт. Мергенчи бул күчүктү таап алгандан кийин жер кепеге салып, аны жети күнтүн көз ирмебей кылдаттык менен баккан, ушундан улам ал ит төрөсү Кумайык болуп калат. Кумайык аңчынын жакшы жардамчысы болуп, ал кыраан, кабелтең болгон. Эч бир жырткыч анын каршылашы болгон эмес, кыргыз аңчылары аны мактап ырдаган:

Баатырды ээрчип Кумайык, Аскадан кийик качырат. Кайберенди күймөлтөт, Көзүнөн оту чачырап.

Кумайык – кыргыз элдик адабиятында көп кездешет, ал кыргыздардын аңчылык доорунда пайда болгон пири.

Куш төрөсү буудайык кыргыз эркектерине, аялдарына жана балдарына белгилүү миф. Буудайык – бул канаттуунун пири, анын канаттарынын узундугу элүүгө метрге жетет. Ал өтө күчтүү, ким ага зыян келтирсе, ал жазаланат. «Буудайык» мифтик дастанында куш төрөсү буудайык даңкталган, андан кыргыз ата-бабаларынын шумкарга сыйынганын биле алабыз. Шумкарлар менен тайгандар аңчылардын жардамчылары болуп саналат. Аңчылар шумкарлардын жана тайгандардын жардамы менен көп өлчөмдөгү олжолорду кармай алышат. Кыргыз аңчыларынын тиричилиги алардан көз каранды болгон. Алар аңчылар менен  күнү-түнү чогуу жүрүп, алардын эң жакын досу болуп калган. Ит төрөсү сыяктуу эле, куштардын падышасы, куштардын төрөсү Буудайык дагы кыргыздардын аңчылык доорунда пайда болгон жаныбарлар пиринен болуп эсептелет.

Аңчылык болобу же мал жаюу болобу, кыргыздар жылкысыз жашай алышпайт, жылкынын пири Камбар атадан тышкары, жылкы пири Тулпар жөнүндөгү миф малчылардын арасында кеңири тараган. Тулпар аскар тоолордо адам изи сейрек кездешүүчү жерде жашайт, анын денесинде кара жана ак тилкелер бар, ал денеси ыкчам, тай сыяктуу болгон. Ал желдей учуп, туягы ташты басканда, туяктын изин калтырат. Ал абдан күчтүү болуп, аны эч ким кармай албайт жана башкара албайт. Кыргыздын мифологиясындагы баатырлар Тулпарды минип асманга көтөрүлүп жана жерге түшүшкөн, кыргыздын даңазалуу эпосу «Манаста» баатырлар да Тулпар атын минишкен. Бул ат кыргыз мифтеринде көп кездешет.

Кыргыз улутунун мифологиясында жапайы эчкилер жөнүндөгү миф дагы кызыктуу. Кайберен адамдарга окшоп боорукер келет, адамдын издери сейрек кездешкен тоо аскаларында жүрөт. Эгер мергенчи кийиктин пирине кезиксе, анын сүтүн иче алса, анда анын урпактары бакубат жашашат деп айтылат. Мергенчи аны атса, анда ал анын колдоочусу тарабынан жазаланат. Кыргыз элине кеңири белгилүү болгон «Кожожаш» эпосунда, кыргыз ханынын уулу Кожожаш, жүздөгөн адамдардын арасынан эң мыкты жаачы болуп, текени жана улагын атып өлтүргөн, Сур эчки ушунчалык ачууланып, сыйкыр менен Кожожашты аскага ээрчитип чыгат, ал аскага камалып, үшүктөн, ачкачылыктан өлгөн. Кыргыз эли жаныбарларды кырууга каршы болушкан жана Кожожаш баатыр эчкини атканы, жапайы эчкинин пирине шек келтиргендиги үчүн жазаланган. Кыргыз мифологиясында жаныбарлардын коргоочусу да бар, анын аты Кайып. Кайып тоонун пири, ал бардык жаныбарларды коргойт. Кайыптын күчүнүн аркасында, ал жашаган тоо дагы касиеттүү тоого айланган. «Манас» эпосунда Кайып тоосундагы өлбөс-өчпөс дүйнө сүрөттөлөт. Өлбөс адамдар ак-кууга айланып, асманда учушат. Бул өлбөс адамдар Манас баатырдын уулу Семетей жан үзгөндөн кийин, Кайып тоосунун перилери Кайып тоосуна алып баруу үчүн учуучу килемди колдонуп, баатырды касиеттүү дары менен тирилткен. Семетейдин жубайы Айчүрөк дагы Кайып тоосунун периси жана ал көп учурда асманда ак куу болуп учкан.

Көчмөн кыргыздарда жаныбарлар кыргыздардын кийим-кечек, тамак-аш булагы гана болбостон, баатырлардын коргоочусу да болуп саналат. Манас алсыраган учурда, анын жанында жолборс, илбирс, карышкыр, аюу, жылан, ал тургай аркар жана коёндор пайда болуп, алар баатырды алды-артында коштоп жүрүшкөн, ушул жаныбарлардын пири пайда болгондо эле, баатырдын күчү көбөйүп, жеңилбес болгон. Кыргыздардын элдик адабиятында жаныбарлар сүйлөй алышат жана душмандарын аныктай алышат, алар сезгич келет, баатырларга караганда акылдуу жана күчтүү болушат.

Уруулук коомдо кыргыздардын ата-бабалары уруунун тотеми катары ар кандай жаныбарлары болгон. Уруулук коом ыдырап, уруулар жана уруктардын биримдиги калыптанганда көптөгөн уруулардын тотемдери жоголуп, кээ бир күчтүү уруулар өзүлөрүнүн тотемдик мифтерин сактап, кеңири жайылтышкан, бара-бара уруунун келип чыгышы тууралуу уламыштарга айланган. Бул тотемдик жаныбарларга сыйынуу кыргыз элинин арасында сакталып калган, буга чейин бугуга, карышкырга жана башка жаныбарларга – сыйынуу дагы деле болсо көптөгөн кыргыз аймактарында бар. Кыргыз элинин аң-сезиминде, бул жаныбарлар касиеттүү күчкө ээ ыйык жаныбарлар. Карышкырларды мисалга алганда, көпчүлүк кыргыздар карышкырдын териси жана эти касиетке ээ деп эсептешет. Карышкырдын чүкөсүн тумар кылып тагынган балдар тескери күчтөрдөн сакталып, ден соолугу чың болот. Тотемдик мифологиянын белгилүү бир мазмуну ушул китептин тотемдик сыйынуу бөлүмүндө кеңири баяндалган.

Кыргыздардын баатырдык мифологиясы өзүнүн мифологиялык тутумундагы эң өнүккөн жана жаркын мазмунга ээ деп айтууга болот. Баатырдык мифология керемет фантазиялык түскө жана бай мазмунга ээ. Ал кыргыз эпосторунун, дастандарынын, элдик жомокторунун жана уламыштарынын ажырагыс бөлүгү болуп калган.

Кыргыз улутунун баатырдык мифологиясы ар кандай ири масштабдуу элдик оозеки адабий чыгармаларга сиңип эле тим болбостон, мифтик эпостун бир түрүнө айланган. Мисалы, белгилүү «Эр Төштүк» жана «Кожожаш» мифтик эпос. Табигат мифтери жана уруунун келип чыгышы жөнүндөгү мифтерден айырмаланып, баатырдык мифтер негизинен баатырдык иштерди сүрөттөйт. Ар бир элдин өзүнүн баатырдык мифтери бар, ар башка элдердин баатырларга болгон көз карашы ар кандай болгондуктан, алардын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Айрым элдердин баатырдык мифологиясы салыштырмалуу байыркы жана алгачкы мүнөзгө ээ, каармандар көбүнчө  жер-ааламды жараткан же күндү аткан сыяктуу баатырлар. Айрым элдердин баатырдык мифологиясы сыйкырдуу жана фантазиялуу мүнөзгө ээ. Кыргыздардын баатыр мифологиясы ушул категорияга кирет.

«Данигер уламышы», башкы каарман Данигер – адамдан бөлөкчө күчкө ээ болгон баатыр. Анын атасы Можигер хандын кызын колун сураганы үчүн, Можигер хан тарабынан өлтүрүлгөн, атасы үчүн өч алмак болгон баатыр хандын аймагына жортуулдайт. Жолдо бара жатып, ал жерде жашырынып жаткан алп ажыдаарга жолугат, ажыдаарды жеңгенден кийин гана анын канын ала алат, уулуу ок ажыдаардын кулагы аркылуу мээсине киргенде ажыдаар өлөт. Баатыр ажыдаарды өлтүрүп каныны алып, Можигер хандын аймагына кирет.

Катуу тирешүүдө Можигер хан Данигер баатырдын айыгышкан чабуулуна туруштук бере албайт, ошондуктан ал сыйкырчыларга буйрук берип сыйкырчылыктын жолу менен арстандар менен уулуу чаян тобун, ошондой эле көптөгөн жалгыз көздү дөөлөрдү, сыңар колдуу желмогузду чакырат, текеберлиги күчөйт; Данигер коркпой, төбөсү көк тиреген, буту кара жерди капшыра баскан дөөгө айланып, сыйкыр жолу менен жанындагы ак төөнү ак ажыдаарга айлантат, баатыр дөө ак ажыдаарды минип, душманды каптап кирет. Ак ажыдаар оозун ачып, арстанды, чаянды, желмогузду жана сыйкырчынын баарын жутуп жиберет. Текебер Можигер хан жеңилип башын иет. Мойтинкей аттуу кызын ага аялдыкка берүүгө макул болот. Бирок, бул сулууга үйлөнүү үчүн Данигер баатыр жер астындагы дүйнөгө барып ажыдаар көшөгөсүн, төө пиринин жүнүн жана кара балыктын омурткасын алып келиши керек. Данигер жер астына сүңгүп кирип, Алп кара кушунун жардамы менен бардык кыйынчылыктарды жана кооптуу жагдайларды башынан өткөрүп, ажыдаарды өлтүрүп, ажыдаар көшөгөсүн алып чыгып,  кара төөнүн жүнүн, чоң кара балыкты өлтүрүп анын омурткасын алат. Ушул үч баалуулук менен баатыр сулуу Мойтинкейни канкор атасынан куткарат.

«Жаш Баатыр» аттуу уламышта кыргыз жаш баатырдын кичи мекенинен кетип, алыс жерде эрдигин көрсөткөн баатырдыгы сүрөттөлөт. Ал бир жерге келгенде кабагы бүркөлүп, көңүлү чөккөн адамдарды көрөт. Көрсө, бул жерде жаалданган ажыдаар мыкаачылык иштерди кылып жүргөн болот, аны эч ким жеңе алган эмес экен. Ал күн сайын бир жаш кызды жана он койду жеп турат. Бул жердеги жаш кыздар ажыдаардын курсагында болуп, хандын кызы гана калат, бирок ал дагы ажыдаардын тамагы болгон жазмыштан качып кутула албайт. Жаш баатыр ажыдаар чыга элек кезде капчыгайга жетип барып, канбийкенин ордуна боз үйгө кирет. Кечинде катуу шамал болуп, асмандан ажыдаар түшүп, оозун ачып боз үйдөгү жаш баатыр менен койлорду соруп алат. Жаш баатыр ажыдаардын кекиртегин кылыч менен сайып, ажыдаарды өлтүрүп, элди сактап калат. Бирок өзү ажыдаардын уулуу канынан улам эс-учун жоготот, хандын кызы сүт ширеси менен уулуу канды жууганда, жаш баатыр тирилген. Алп кара куштун жардамы менен ал алыскы гүл шаарчага учуп барып, сейрек кездешүүчү табышмактын жандырмагын таап, хандын кызынын сүйүүсүнө ээ болот.

Айрым баатырдык мифтер өз алдынча ооздон-оозго өткөрүлгөн, бирок көбү эпостордо жана дастандарда сакталган. Кыргыз эпостор жана дастандар калыптануу процессинде көптөгөн баатырдык мифтерди камтыган жана айрым байыркы эпостор баатырдык мифтердин негизинде өнүккөн. Мисалы «Эр Төштүк», ал төрөлгөндөн кийин тез эле эр жетип, асманга көтөрүлүп, жер алдына сүңгүп кире алган. Анын жаны сыйкырдуу бүлөө ташта жашаган, анысы жанында болсо, баатырды эч ким жеңе албайт, желмогуздар менен салгылашат. Жер астында жети жыл жашап, Алп кара куштун, аюунун, арстан, карышкыр, кумурска ж.б. жаныбарлардын жардамы менен жети жылдан кийин жерге кайтып келген, анын уулу Жоодар да чоң баатыр болгон. Ал көп баштуу желмогузду өлтүрүп, адамдарды куткарган, акыры, аркарга өзгөрүлүп кете алган кызга үйлөнгөн. Бул эпос баатырдык миф «Төштүктөн» өнүгүп калыптанганы бышык. Кыргыздын эң белгилүү «Манас» эпосу да байыркы баатырдык миф «Алпманаш» менен тыгыз байланышы бар. «Кожожаш» эпосу мифтик боёгу коюу, кыргыз элинин аңчылык турмушун чагылдырган байыркы миф.

Кыргыздын мифологиясындагы каармандар адамга окшобогон жөндөмдөргө ээ жана жерге кирип, асманга көтөрүлө алышат. Бирок, алардын эрдиги өнө боюндагы ыйык касиеттеринен артык.  Алар жаалдуу ажыдаарларга, жезкемпирлерге жана желмогуздарга каршы күрөшүп жеңишет, бул адамзаттын табийгатты багындырышын жана адамдын күчүн даңктайт.

2. ЭПОС

Эпос – кыргыздар өз улутунун тарыхын поэтикалык тилде эстеликке алган элдик адабияттын өзгөчө бир түрү, ал кыргыз элдик адабиятынын өкүлү жана маңызы. Эпостор элде оозеки түрдө таралгандыктан, алар баалуу маданий мурас гана эмес, улуттук тарых үчүн да маанилүү изилдөө материалдары болуп саналат. Кытайдагы кыргыздарда «Манас» эпосунан тышкары, «Кожожаш», «Буудайык», «Эр Төштүк», «Жоодарбешим», «ЖанышБайыш», «Багыш», «Толтой», «Кыз Сайкал», «Жаңыл Мырза» ж.б. элүүгө жакын эпос ооздон-оозго өтүп келген.

(1) Баатырдык эпос «Манас»

Кыргыздарда эпостордун саны кыйла көп. Алардын ичинен «Манас» эпосу эң кеңири тараган, таасири күчтүү, көлөмдүү, эң жогорку идеялык-тарбиялык мааниге ээ жана көркөм сөз өнөрүнүн туу чокусу. «Манас» – кыргыз элинин эң көрүнүктүү баатырдык эпосу. Узак мезгилдик өнүгүүдө, ооздон оозго өтүп келе жаткан «Манас» эпосунун көптөгөн варианттары жаралган. Ар кандай варианттардын ичинен Шинжаңдын Ак-Чий ооданынан чыккан Жусуп Мамай манасчы айткан сегиз бөлүмдүү «Манас» варианты эң көрүнүктүүсү. Жусуп Мамайдын «Манас» варианты зор көлөмдүү, 230000 саптан ашуун, Гомердин «Илиада» эпосунан 14 эсе чоң. Бул вариантын мазмуну өтө бай, сюжеттик окуялары абдан кызыктуу, жүздөгөн каармандар жандуу сүрөттөлгөн, айырмалоочу мүнөздөмөлөргө, ондогон чоң жана кичине согуш көрүнүштөрү берилген, көркөм сөз менен баяндалган. Жусуп Мамай айткан «Манас» көлөмдүү келип, мазмуну мол жана көркөмдүк деңгээли өтө жогору, аны «Манас» эпосунун башка варианттары менен салыштыруу мүмкүн эмес. Манасчы Жусуп Мамай айткан «Манас» эпосунун ар бир бөлүмү Манастын урпагынан чыккан баатырлардын атынан аталат: биринчиси «Манас», экинчиси «Семетей», үчүнчү «Сейтек», төртүнчү «Кененим», бешинчи «Сейит», алтынчы «Асылбача-Бекбача», жетинчи «Сомбилек», сегизинчи «Чигитей».

Биринчи бөлүм «Манас»:

Манас – эпостун башкы каарманы. Ал ушул баатырдык эпостун жалпы аты гана эмес, биринчи бөлүмүнүн аталышы. Эпос «Атаңардын жомогу, Айтпай койсок болобу?…. Саз козголуп көл болду, Көл байып чөл болду. Адырлуу жерлер коо болду, Ак мөңгүлөр бузулду. Арстан Манас жомогу, Азырга чейин созулду» деген жомок башы менен башталат. Башталышы жандуу, өзүнө тартып ала турган күчкө ээ, эпостун типтүү өзгөчөлүгү бар. Андан кийин, кыргыздардын келип чыгышы жөнүндө кененирээк айтылат, кызыктуу окуялар менен угуучуларды адамзат коомунун байыркы дооруна алып кирет, кыргыздардын байыркы жашоосу чагылдырган сүрөттү көз алдыбызга тартып турат. Андан ары Манас баатырдын төрөлүшүнүн тарыхын түшүндүрүп, бара-бара кыргыз элинин баскынчыларга каршы күрөшүнүн нуктасына өтөт. Окуянын кыскача мазмуну: Байыркы заманда эмгекчил жана боорукер кыргыз эли калмактардын бийлиги астында болуп, кулчулукта жүргөн, оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан болот. Манас төрөлө электе эле, калмактардын төлгөчүсү кыргыздардан калмактардын бийлигин кулата турган баатыр чыгат деп алдын ала айткан. Калмактардын ханы Алооке, төрөлө турган баатырды өлтүрүү үчүн, кыргыздын кош бойлуу аялдарынын курсагын жарууга буйрук берет. Кайраттуу жана акылман кыргыз элинин коргоосу астында, баатыр аман калат. Баатыр төрөлгөндө бир колуна кан, экинчи колуна май уучтап түшөт, алаканында Манастын белгилери бар болгон. Ата-энеси аны калың токойдун терең жерине жиберип чоңойткон. Айылдаштары Манас үчүн найза, балта жасашып, согуш кийимдерин жөнөтүшкөн. Манас баатыр Кырк чоросу менен түштүк-түндүккө жортуул жасап, душманга сокку урат, Манасты хан катары кабыл алышат. Ал айланасындагы казактар, өзбектер менен он төрт хандыктан турган уруу бирикмесин түзгөн. Манас Карахандын кызы Каныкейди жубай катары алат, ал анын акылдуу жардамчысы жана улуу кеңешчиси болот. Көкөтөй өлгөндөн кийин бир жыл өткөндө, анын уулу Бокмурун атасына чоң аш берет, калмактан Коңурбай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, чоң жаңжал чыгаргысы келет. Манас Көкөтөйдүн ашын башкарат, ошондуктан калмактардын ою ишке ашпайт, аш тынч өтөт. Кытайлык Алмамбет кошулуп, ал Манас менен эмчектеш бир тууган болот, Манас аны жооптуу кызматка дайындаган, ал ички жети хандын бири болот. Калмактар кыргыз аймагына басып киришет, Манас кырк чородон турган жортуулду жетектейт, ал эми Алмамбет жооптуу кол башчы болуп дайындалып, борборго чабуул жасайт, акыры чоң жеңишке жетет. Кийинчерээк, аскерлер алсызданып, кыраакылыгын жоготкондо, калмактын кол башчысы Коңурбай Манасты уу айбалта менен шилиге чабат. Манас аскерлери менен артка кайтат, туулган жерине кайтып келгенде каза болот. Ага аялы Каныкей күмбөз тургузган. Жусуп Мамайдын айтымында «Манас» бөлүмү жалпысынан 45000ден ашуун сап.

Экинчи бөлүм «Семетей»:

Семетей – Манастын уулу, экинчи бөлүмдүн каарманы. «Семетей» бөлүмүндө окуянын сюжетинин өнүгүшү, каармандардын образын калыптандыруу, чыр-чатактарды жөнгө салуу жагынан биринчи бөлүккө түздөн-түз байланышы бар жана биринчи бөлүмдүн уландысы. Негизги нуктасы биринчи бөлүмгө дал келет, көркөмдүгү жагынан андан ары өсөт. Учурда Кытайда чогултулган «Семетей» варианттарына төмөнкүлөр кирет: Жусуп Мамай, Эшмат Мамбетжусуп, Алмакун Молдо, Осмон Намаз ж.б. Ар бир варианты он миңден ашык саптан турат, бул бөлүмдө Манас баатырдын элдешкис душманы Коңурбайдын жазаланышы, Семетей атасы үчүн өч алышы, ички согуш, Семетей менен айдай сулуу Айчүрөктүн ортосундагы махабат окуялары сүрөттөлөт. Негизги мазмуну: Манас баатырды акыркы сапарга узаткандан аз өтпөй, уруу ичинде козголоң чыгат. Манастын аталаш бир туугандары Абыке менен Көбөш атасы Жакыптын колдоосунун астында, Манастын уулу Семетейди бешикте жаткан жеринде өлтүрүп, тактыга отурууну жашыруун макулдашышат. Каныкей уулун алып, Букарадагы төркүнүнө качып кетет. 12 жашында Семетей өз эл-жерин билгенден кийин туулган жерине кайтып келип, Бакай карыянын жардамы менен ички ириткилерди жок кылып, кыргыздардын ишин кайра жандандырган. Чынкожо жана Толтой көмүскө бүтүмгө келишип, Семетейге кудаланган сулуу пери Айчүрөккө үйлөнгүсү келгет. Душман сепилди кабат-кабат курчап турган оор учурда, Айчүрөк ак куу кебин кийип көк асманга учуп, Семетейди издеп жөнөйт. Ал Семетейди жана анын эки жакын баатыры – Канчоро жана Гүлчорону сепилге алып келүү үчүн ар кандай сыйкырларды колдонгон. Семетейдин баатырлары  душман менен кандуу согушту башташат, душмандын мизин кайтарып, сулуу пери Айчүрөккө үйлөнөт. Коңурбай кыргыздарды басып киргенде, Семетей сепилде курчоодо калат. Гүлчоро менен Айчүрөк биргеликте Семетейди сепилден куткарып чыгышат, душмандар менен катуу согушушат, алардын көптөгөн кол башчыларын өлтүрүшөт. Артынан Семетейдин ишенимдүү адамы Канчоро Толтойдун улуу Кыяз менен биригип чыккынчылык кылат, Семетейди Манастын мүрзөсүнө алдап чакырат, атка мингенде Канчоро анын согуш куралын кийимин да алдап алып койгон, колунда эч кандай курал жок болгондуктан Семетей душманды жеңе албай, катуу салгылашта күтүүсүздөн кайып болот. Канчоро менен Кыяз бийликке жеткенден кийин, Семетейдин ишенимдүү баатыры Гүлчоронун далысын кесип кул кылат. Кош бойлуу Айчүрөккө Кыяз үйлөнөт.

Эпостун баш каарманы Семетей баатыр калыс, боорукер, эр жүрөк жана жалындаган сезимге ээ болгон, анын чынчыл образы Жакып, Абыке, Көбүштүн образынан кескин айырмаланат. Эпос эбегейсиз чоң, айыгышкан согуштар жана лирикалык махабат сүрөттөөлөрүн айкалыштырып, кыргыз элдик адабиятынын үлгүсү болуп калды. Семетей менен Айчүрөктүн сүйүү баяны кылымдар күүсүнө айланып, Манасчылар муундан муунга даңктап айтып келет. «Семетей» Жусуп Мамайдын айтымында 35246 сап.

Үчүнчү бөлүм «Сейтек»:

Мазмуну биринчи жана экинчи бөлүмдөрдүн уладысын чагылдырат. Ал белгилүү бир деңгээлде өз алдынчалыкка ээ жана алгачкы эки бөлүк менен тыгыз байланышы бар. Нуктасы мурунку эки эпос сыяктуу эле, баатырдыктын жана мекенчилдиктин рухун чагылдырат, башкы каарман Сейтектин ички жана тышкы душмандарга каршы күрөшү жана башка жерлерде жашап азап тарткан элди куткаруудагы эрдиктерин көрсөтөт. Ал Семетейдин аялы Айчүрөк периден төрөлгөн, алп денелүү жана опсуз кабелтең болгон, көбүнчө мингенге ылайыктуу ат жок болгондуктан кыйналган. Бул эпостун негизги мазмуну: Сейтек төрөлгөнгө чейин энеси Айчүрөк Кыяздын кулу болуп калган, ал Кыязга каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, Кыяз менен жатканга бүбүнү өзүнө окшош кылып айландырып жиберген, ал эми өзү курсагындагы баланы коргоо менен алек болот. Кыяздын шектенүүсүн пайда кылбоо үчүн, Айчүрөк сыйкырды колдонуп Сейтекти 3 жылдан ашык көтөргөндөн кийин гана төрөгөн. Кыяз Сейтекти Семетейдин уулу деп шектенип, аны өлтүрүү үчүн болгон аракетин кылат, Айчүрөк ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип, акылмандык жана эр жүрөктүүлүк менен Сейтекти коргоп чоңойтот. Сейтек 12 жашка чыкканда, Кыяздын ордуна аттарды жайгарып, ал эми Айчүрөк баласы ат жайган убакытта, касиеттүү эмчини жалдап, Гүлчоронун далысын дарылап калыбына келтирет. Сейтек Бакайдын, Гүлчоронун ж.б. жардамы менен катуу кармаштан кийин жанын аркардын ичиндеги жыгач кутучадагы чымчыкка салып койгон Кыязды өлтүрөт. Туулган жерине кайтып келип, ал баскынчы Канчорону өлүм жазасына тартат, атасын өлтүргөнү үчүн өч алып, такты алып, элге кайрадан бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк берет. Каныкей уулу Семетейдин өлүмүнө эч качан ишенген эмес. Ал баатыр Кошойдун аты жарышта биринчи байгеге ээ болсо, Семетей дагы эле тирүү экени далилденет дейт. Ошентип бир майрамда, ал Кошойго Тайторуну мингенге уруксат берет. Тайтору биринчи байгени жеңип алат жана анын божомолун ырастайт. Кийинчерээк Карадөө Семетей менен Кайып тоосунда перилердин бар экенин билип, жакшы кабарды Гүлчорого билдирген. Бакай, Каныкей, Айчүрөк, Гүлчоро ж.б. Семетейди таап, ар кандай сыйкырдуу күчтөрдү колдонуп, Семетейдин эсучун калыбына келтирип, жашоого кайтарышат. Сейтек тоодой чоң болгондуктан аны эч бир ат көтөрө албаган, ошондуктан ал ат минген каршылаштары менен таймашуу үчүн жөө басууга аргасыз болгон, согушта аны душмандар бир нече жолу өлтүрүп кете жаздаган. Энеси Айчүрөк тынчсызданып, Кайып тоолорундагы алп кыз Куялыны жардамга чакырат. Гүлчоро, Семетей, Бакай ж.б. баатырлардын күчү аз болгондуктан, Куялынын жардамы менен Сейтек душмандын чабуулдарын көп жолу кайтарып, кыргыз элин коргоп, Манастын тукумунун айбатын жана беделин жандандырат. Акыры Сейтек алп кыз Куялы менен баш кошуп, биргеликте кыргыздарды коргошкон. Эл арасында тараган «Сейтектин» көптөгөн варианттары бар, алардын арасында Жусуп Мамайдын айтымындагысы толук болуп эсептелет. Эшмат Мамбетжусуп дагы айткан, тилекке каршы жазылып калган эмес. Жалпы эпостун үчүнчү бөлүгү катары «Сейтек» алгачкы экөөнө окшош таасирдүү эмес, бирок ал дагы эле абдан көркөм жана илимий изилдөө маанисине ээ чыгарма болуп саналат жана сегиз бөлүмдүн уланышында маанилүү ролду ойнойт. Жусуп Мамайдын айтымында Шинжаң эл басмасы тарабынан эки том болуп басылып чыккан, 22590 саптан турат.

Төртүнчү бөлүм «Кененим»:

Кененим төрөлгөндөн кийин, жети жашка чейин абдан соргок болгон жана бечел калган, кем акыл баладай көрүнөт. Ал тогуз жашка чыкканда, кербендерден бирөө: Айтүбүндө жашаган Айтумуш элдин ханы Чынгыш элди өлтүрүп, азап салып жатканын кабарлайт. Кененимдин атасы Сейметей жана Гүлчоро, Алымсарык, Куялы жана башка баатырлар Чынгыш ханды талкалоо үчүн согушка аттанышат, бирок Чынгыш хан сыйкыр менен Семетейдин жана анын тайпасын тоолордун тереңине азгырып чакырат, тоодогу Шайтан көлдө курчоого алат. Муну уккан Кененим Кеңкуланы минип, чынарларды тамыры менен жулуп курал катары колдонуп, душмандын күчтөрүн шыпырып, Семетейди жана башкаларды шайтандын уюгунан куткарат, алар аман-эсен Таласка кайтып келишет. Ошондон кийин Кененим Жүйрүн дөөнү сойуп тилин жеп, ал дүйнөдөгү бардык нерсенин тилин билет. Ал балык ханы менен биримдик түзүп, алп кара куш менен достошот. Акыры Чынгыш ханды өлтүрүп, анын кызы Чыныке менен Таласка кайтат. Көп өтпөй Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Гүлчоро жана башкалар согушта кайып болушат. Талас бороон-чапкынга учурап, адамдар жана жаныбарлар өлөт, Кененим төшөктө ооруп жатып калат. Бул учурда моңголдор менен исфахандар биргелешип кыргыз аймагына кол салышат. Катуу ооруда жатканына карабай, Кененим атка минип, душмандарды талкалайт, оор кылмыш кылган Дабытайды тирүүлөй туткунга алып, элге чыккынчылык кылган Саламатты жазалайт, элдин тынчтыгын коргоп калат. «Кененим» бөлүмү эки томго бөлүнгөн 32 922 саптан турат жана Шинжаң эл басмасы тарабынан бысылып чыгарылган.

Бешинчи бөлүм «Сейит»:

Бул бөлүм негизинен жаш Сейиттин атасы менен бирге жортуулга аттанышы, элге тынчтык бербеген жин-перилер менен болгон кармашы баяндалат. Сейит кабарды уккандан кийин Карадөө менен алышканга аттанат, аны союп камалып жаткан элди, Сулаймат хандын кызы Кылжыкени да куткарат. Кылжыке менен жаш баатыр Сейит бир көргөндө эле бири-бирине ашык болушат. Сейит баатыр Сулаймат ханга кызынын колун сурап кайрылганда, хан амал-айла таап, Сейитке үч көйгөй жаратат: кармоо кыйын болгон Сумурукту, деңиздин аркы өйүзүндөгү көк күмбөздөгү көөхарды алып келишин, үйлөнүү тоюнда конокторго сейрек кездешүүчү балык менен сый көрсөтүүнү талап кылат. Сейит келечектеги колуктусу Кылжыкенин жардамы менен бардык маселелерди чечет. Үйлөнүү тоюнда өткөрүлгөн үч таймашта Сулаймат хан атайылап Сейитти дагы кыйын түйшүккө салат. Ал Сейитке тукур атты берип, ат чабышка катышуусун суранат. Бирок Манас атанын рухунун колдоосу менен тукур ат минген Сейит баш байгени жеңип алат. Ат үстүндө мушташ өнөрү жана жаа атуу боюнча мелдештерде Сейит дагы чоң жеңишке ээ болот. Баатыр жубайы менен мекенине кайтып келе жатканда, Сулаймат хан менен бириккен жети дөө аларга кол салат. Бирок бардык кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга карабай, Кылжыке көңүлүн чөгөргөн жок, ал акылын колдонуп, күйөөсүнө жеңишке жетүү мүмкүндүгү аз болгон кармашта жеңүүгө жардам берет. Үйлөнгөндөн кийин Сейит адамдарга кырсык алып келген жети баштуу жезкемпирди багындырып, эл тынчтыкта жашайт. Андан кийин, Сейит баатыр бабасы Манастын жолун жолдоп Бээжинге жортуул жасаганга бел байлап, Чыгышка карай жортуулга барууну чечет. Атасы хан Кененим ага насаат кылат, ал эч нерсеге көнбөй, жортуулга аттанат. Сейит жолдо Алмабаш мылтыгынан ок жаңылып каза болот. «Сейит» бөлүмү эки томго бөлүнгөн 24000 ашуун саптан турат, 1994-жылы Шинжаң эл басмасы тарабынан басылып чыккан.

Алтынчы бөлүм «Асылбача-Бекбача»:

Сейиттен калган эгиз балдар Асылбача менен Бекбача эр жүрөк болушат. Байкеси Асылбача 25 жашында согушта курман болот. Иниси Бекбача бир тууганынын ишин улантып, калмактын баскынчысы Мадыл, түркмөн баскынчылардын башчысы Келдике жана сегиз баштуу желмогуз менен тынымсыз күрөшөт. Ал адамдарды зыяндан куткарып, өмүрү өткүчө ат үстүндө согушта жүрөт. Көп сандаган кыргыз мифтери жана элдик адабияттын байыркы мотивдери миф, фантазия менен айкалышкан чындык жана баатырдык жоруктар баяндалат. Бул бөлүм 45000 саптан турат, Шинжаң эл басмасы тарабынан үч томго бөлүнүп чыгарылган.

Жетинчи бөлүм «Сомбилек»:

Маңгыттан туулган бала Калдуубет чоңоюп, баатыр болгондон кийин, маңгыттар жана таңгыттардын кыргыздар менен беш муунга созулган кастыгы бар экенин, анын хан атасы кыргыздар тарабынан өлтүрүлгөнүн билет. Ал кыргыздын баатыры Бекбачанын өлгөнүн угуп, атасын өлтүргөнү үчүн кыргыздардан өч алууну ниеттенип маңгыт жана таңгыт элин чогултуп согушка кирет. Согушта кыргыздардын каны суудай агып, эч ким каршылык көрсөтүүгө батынган эмес. Бекбача менен Акмаңдай өлгөндөн кийин уулу Сомбилек жетим калып, таякесинин колунда тарбияланган. 15 жашында ал өзүнүн ким экенин, ата-бабаларынын баатырдык эрдиктерин, туулган жери Талас экенин билет. Ал таякеси менен коштошуп, кичи мекенине кайтып келип, элдин колдоосуна ээ болуп, аргымак минип, колуна курал алып, баскынчылар маңгыт жана таңгыттар менен көп жолу согушуп, душмандарды бирден жеңген. Бир күнү кимдир бирөө жардам сурап келип, Коросондук Коромжуну Шүкүрлүү аймагын басып алганын жана Карманап кызы Тынымканды күч менен тартып алганын айтып, баатырды курчоодон куткарууну өтүнөт. Кабарды уккандан кийин, Сомбилек найзасын алып душмандар менен согушканга аттанат, Коромжу өлтүрүп, Тынымкандын сүйүүсүнө ээ болуп, экөө үйлөнүшөт. Сомбилек кичи мекенине кайтып келгенден кийин, ал ата-бабаларынын мүрзөсүнө зыярат кылууга барат. Күтүлбөгөн жерден Манастын мүрзөсүнөн калдыр-кулдур үн чыгып, от жалындап, сел жүрө баштайт. Ортодо Чынардын бир жагында жалбырактар жыш, ал эми бир жагы куурап калганын көрүшөт. Бул баатырдын кырсыкка кабыларынын белгиси болот. Кийинчерээк Сомбилек баскынчы маңгыттар менен болгон таймашта жараланып каза болот. Бул бөлүмдө романтизм колдонулуп, жаш баатыр Сомбилектин кайраттуулугун жана элге берилгендик рухун даңазалайт. Жусуп Мамай айымында 14868 саптан турат, 1995-жылы Шинжаң эл басмасы тарабынан басылып чыккан.

Сегизинчи бөлүм «Чигитей»:

Бул бөлүм Манастын акыркы урпагы Чигитей тууралуу баяндалат. Чигитей – Сомбилектен калган бала. Ал төрөлүп көп өтпөй энеси жан үзүп, өзү жетим калат. Ал бала кезинен бери согуш өнөрү менен машыккан жана абдан күчтүү болгон. Ал казактар маңгыттар тарабынан тонолуп кеткени тууралуу кабарды угуп, жардам берүүгө шашылат, ал казактар менен бирге маңгыттар менен үч күн, үч түн катуу кармашып, акыры баскынчылардын мизин кайтарган. Жеңилген Отор Батыш Ляо менен биригип, 90 миң аскер менен кайра казактарга кол салат, казактын ханы Сатайдын тактысын тартып алат, бейкүнөө адамдарды эч нерсеге карабай өлтүрүп, бардык нерсесин тоноп кетет. Муну уккан Чигитей дагы казактар менен бирге баскынчылар каршы күрөшүү үчүн жолго чыгат. Согуш учурунда Чигитейдин аты мүдүрүлүп, баатыр жыгылып кетип жарадар болуп, Таласка кайтып келгенден кийин каза болот. Көзү өткөндө ал болгону 21 жашта болчу, аялы жана баласы болгон эмес, ушул жерден Манастын сегиз урпагынын чыккан баатырлардын иши аяктайт. Бул бөлүм 12 325 саптан турат, 1995-жылы Шинжаң эл басмасы тарабынан басылып чыккан.

Эпосто көптөгөн таасирдүү окуялар чагылдырылган, Манас жана анын урпактары чыгыштагы Шиң-аньлиң кыркалары жана чөлдөр, батыштагы Арал көлү Бухара, Бадакшан, Кашкарга, түндүктөгү Энесай дарыясындагы Алтай тоолору, Иртыш дарыясы жана түштүктөгү Каракорум тоолорундагы иш-аракеттери кыргыздардын тарыхтагы издерине туура келет. Эпосто кыргыз баатыры Манастын даңазалуу элеси чагылдырылган. Башка уруулардын ырайымсыз бийлигине каршы туруу, баскынчы уруулардын эзүүсүнөн жана кулдануусунан кутулуу, кыргыздарга жана башка басынган улуттарга тынч жана бакубат жашоого мүмкүндүк берүү, бардык улуттагы элдерин бириктирүү максатта ар тараптан баатырларды чогултуп, душманга каршы аскер түзүп, түштүк-түндүктү багындырып, көптөгөн душмандарды талкалап, бара-бара Кыргыз каганатын бириктирген.

Эпостун эбегейсиз руху ал башталганда эле угуучулардын жүрөгүнө жетет. Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын айтымындагы «Манастын» башталышында төмөнкүдөй саптар камтылган:

Тоо упурап жер болду, Зоо упурап чөл болду,

Жер жыртылып сай болду. Сай кубулуп саз болду.

Атабыз Манас сыяктуу, Айтылып келген аз болду. Саз козголуп көл болду, Көл байып чөл болду. Адырлуу жерлер коо болду, Ак мөңгүлөр бузулду.

Арстан Манас жомогу,

Азырга чейин созулду…

Мазмундук жактан алганда, «Манас» – өтө терең түшүнүктү көрсөтө алган баатырдык эпос. Эпостун башынан аягына чейин Манас баатыр баскынчылыкка каршы чыгып, кыргыз элинин тынчтыгын жана бакубат жашоосун сактап калган. Мисалы, эпостун биринчи бөлүмүндө Манастын балалыгы баяндалат:

Угуп баатыр кара көк,

Көтөрөт жүктү кара лөк,

– Болбой турган бул бир кеп,

Койчу, тага, койчу, – деп,

Элден талап олжо алган,

Эл башкарган улуктар,

Калкты кармап кор кылган,

Кан тактада укмуштар, Карапайым тим элде, Кимисинде жазык бар?

Бергин десе баш болгон,

Малын эмес, баласын,

Берет эле байкуштар,

Калмак, эмес кыргыздар,

Башыңдан өткөн ишиңди, Ойлоп көрсөң болбойбу!

Эси жоктор кор кылса, Эстүү Балта, Жамгырчы, Кой деп койсоң болбойбу?

Жаш балдарга теңелип,

Жакшы болду дегенсип,

Жарыша чаап мал айдап,

Качырбай тосуп «ай-айлап», Аксакалдын иши эмес, Антип жүрүш кайсы кеп?

Улугун сайып алдың, деп, Упурак кылсаң калганды, Бүт дүйнө укса, уят кеп.

Жан-жайына койсун, деп,

Жабыла талап олжо албай,

Колуңду тыйгын кыргыз! – деп,

Жаш Манас айтып ийиптир, – Айтса-айтпаса ырас, – деп, Бакай күлүп ийиптир.

Манас баскынчыларды, айрыкча өз улутун жана кыргыздарга жардам берген бир тууган улут-урууларды бөлүп-жарган бузукулар менен тыңчыларды жек көрөт. Манас минтип айтат:

Элден талап олжо алган,

Эл башкарган улуктар,

Калкты кармап кор кылган, Кан тактада укмуштар.

Карапайым тим элде,

Анда кандай жазык бар.

Эпосто баштан аяк Манасты өз улутун бириктирип, бир тууган улуттар жана уруулар менен биргеликте баскынчыларга каршы эр жүрөктүүлүк менен күрөшкөндүгү даңазаланган. Мисалы:

Каракалпак түрк эл, деп,

Тажик менен сыйадан,

Калмактарга катуу кас, Туюнтпай кыргыз камынды, Жиберген калмак таратып. Бузулган элдер жыйылды,

Муңу ичине сыйбады,

Баатыр Манас туулганы, Баарысы минтип жыйналды.

Кыргыл чал менен жыйырманы,

Эсепке муну алыптыр,

Кыргыл баштап кырк киши, Саны толуп калыптыр

Кырк чоросу Манастын.

Эпос көркөм сөз жагынан улуттук өзгөчөлүктөргө бай келет. Өзгөчө эпосто пайда болгон жүздөгөн каармандар өздөрүнүн мүнөздөрү жана өзгөчөлүктөрү бар. Баатырлар көбүнчө тоо, көл, шаркыратма, бороон, бүркүт, жолборс, арстан жана илбирс өңдүү образдар менен сүрөттөлөт. Мисалы, Манас мындайча сүрөттөлөт:

Көкжалың чыкты аттанып, Күндөй бетин нур чалып, Артынан карап байкашып.

Айкөл шерге таң калып, Аркасынан караса, Ак жолборстун сыны бар. Маңдайынан караса,

Ажыдаардын сүрү бар,

Төбөсүнөн караса,

Алпкаракуш түрү бар,

Ачуусу келип акырса,

Айбаттанып бакырса,

Кырк бир шердин үнү бар…

Ак жолборс, ажыдаар, алпкаракуш, арстан – так, ачык жана жандуу метафоралар, Манастын келбети, жан дили жана үнү ушул жандыктар менен чагылдырылган, бул элестер эпосто көзгө ачык көрүнүп, кулакка даана угулуп турат.

«Манастын» тарбиялык мааниси гана жогору болбостон, күчтүү көркөмдүк касиети да бар. Эпос көптөгөн жандуу образдарды жараткан. Манас баатырдын элеси эң жандуу, кайраттуу жана жалындуу сүрөттөлөт. Манастын элеси узак мезгилдүү өөрчүп, өзгөрүп келген. Манастын прототиби – байыркы мифтик баатыр Манаш. Бул мифтик баатыр уламышында Манаш жарым адам жана жарым кудай элеси бар, ал ат минип асманга учуп, куюнга айланып кете алган. Манаш элеси бара-бара баатыр Манастын элесин айланып кеткен. «Манас» эпосунда Манас адамдан бөтөнчө күч-кудуретке ээ болсо да, ал жарым кудай-жарым адам кебетесиндеги баатыр эмес. Манас кыргыздарга баш болуп, калмак баскынчылар менен кандуу согушта уруулук биримдиктин башчысы, кыргыздардын сакталышы, кубанычы жана кайгысы менен тең жашап, эл менен тыгыз байланышта болгон көсөм. Манас кыргыздардын жок болуп кетүү коркунучунда турган мезгилде төрөлөт. Манас төрөлгөнгө чейин төлгөчү Ыраңкүдүк: «Төрөлө турган Манас калмактарга коркунуч туудурат, бир уучунда кан болот, бир уучунда май болот» – деп алдын ала айткан экен. Бул баатырдын өмүрү душман менен кандуу кыргында өтөрүн, баскынчы душмандын канын суудай төгөрүн билдирген, ал эми май молчулукту билдирет, Манас колунда май кармап төрөлгөнү, ал өз элине бейпилдикти, бакубатчылыкты, молчулукту жана токчулукту алып келерин билгизген. Манас төрөлгөндө кыргыздар калмактарга баш ийип, кул болуп жүрүшкөн. Манастын атасы жана ондогон кыргыз хандары калмакка белек тартуулап турушкан, хандык кыйрап, калк мүңкүрөп турган кез эле. Манас кичинесинен эле баскынчылардын зулумдугуна жана мыкаачылыгына, кыргыз элинин көргөн азап-тозогуна күбө болгон. Он бир жаштагы Манас баскынчыларды сүрүп чыгарууга бел байлап, атына минип, кырк чоросун жетектеп, кыргыз урууларын башкарып турган калмактар менен кандуу кармашка түшөт, калмактын кыйындары Шоорук менен Көңтөйдү өлтүрүп, малын айдап, калмактын кыздарын туткунга алышат, күч менен кыргыз аймагынан кууп чыгышат, эл тынчтыкта жашап калат. Андан кийин Манас бир нече жолу согушка чыгып, коңшу урууларды басып алат. Он бир жашынан баштап, согуш талаасында чуркап жүрүп, алтымыш жашында калмактын чыгыш тарабындагы аскерине жортуул жасап, каза болгонго чейин аскердик эмгек жолун уланткан. Манастын өмүрү кыргыз элинин көз карандысыздыгын коргоо үчүн күрөшүүдө өтөт. Ал өжөр, тайманбас баатыр. Анын көздөрү көлдөй, мурду тоодой, сакалдары камыштай, дем алган аба бороон-чапкын болуп, көзүндөгү жарык оттой жалындаган. Ал катуу дабыш салганда жер тоону титиреп, уйкусунун коңуругу ташты жарган. Манас душманга чуркап киргенде, душмандын башы буудай кескендей эле түшөт, аткан курч жебеси бир эле учурда бир нече душманды жайлаган, тоолорду жылдырып, дарыяларды тескери бура турган баатырдык духу бар, бардык атаандаштарынан ашып түшөт, бардыгын титирете турган күчкө ээ.

«Манас» эпосундагы каармандардын мүнөздөмөсү күчтүү көркөмдүк таасири бар, эпостун тил көркөмдүгү да өзгөчө. Эпосто каармандардын мүнөздөмөсүндө жана окуялардын баяндалышында көп сандаган метафоралар колдонулат: Баатырдын кудуреттин «чөптү күйгүзө алган адам», айбаттуулугу «жайлоодогу бороон сыяктуу», ээ-жаа бербегенин «муз кесектери менен агып кирген топон суудай», «боз үйдү шыпырган добулдай» деген сүрөттөөлөр бар. Катуу согуштан кийинки согуш талаасын «туш-тушта жаткан өлүктөр чөлдөгү шагылдай көп, жашыл чөптөй көп болгон кытайлар жерге кирип кеткендей эле өлүштү» сыяктуу метафоралар колдонулган. Жашыл чөп, чөл, таш, бороон-чапкын, топон суу, боз үй ж.б.у.с. бардыгы кыргыз элине белгилүү болгон буюмдар жана жаратылыш кубулуштары. Айрыкча эпосто айбанаттарды метафора катары колдонгон учурлар арбын экенин белгилей кетүү керек. Эпосто «аттын башындай алтын», «чоң кочкордой балык», «өгүздүн белиндей жаа жана жебе», «эчки битиндей душман», «кирген буурадай душманга чамынды» ж.б.у.с. Эпосто Манас баатыр «көк жал карышкыр», «арстан» деп да айтылат. Метафора – элестетүүнүн бир түрү, бай кыялдануу, аны менен элестер жандуу болот. Элестетүү жашоодон ажырагыс, адамдар дайыма жашоодо тааныш нерселерди метафора катары колдонушат, метафоралар улуттук жана аймактык өзгөчөлүктөргө ээ. «Манас» эпосунун метафорасы кыргыз улутуна мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ жана көчмөн маданиятынын күчтүү маданий өзгөчөлүгүнө ээ.

Эпосто метафоралар көбүнчө апыртма менен бирге колдонулат. Манастын келбетин сүрөттөөдө апыртма ыкма колдонулат.

Көзү көлдүн буткулдай,

Мурду тоонун кырташтай,

Муруту чөлдүн камыштай ,

Көзү күйгөн шам экен, Көзүнүн оту шыркырап,

Кумдандан чыккан түтүндөй.

Анын табити да укмуш, табакка дөбөлөнгөн этти оозуна үч эле салып жеп койгон.  Идиштеги көл сыяктуу шорпону бир эле жуткан. Согушта душмандарды тосуп чыкканда, биринчи өзү эмес үнү жетет. Күчтүү душманга туш келгенде, анын жер титиреткен үнү бар. Эпосто Манастын күркүрөп айбат көрсөткөнү өтө апыртылган түрдө сүрөттөлөт:

Баатырдын үнү чыкканда,

Жаңырык тарап асманга,

Суулар толкуп чайкалып,

Тоо токтобой чайпалып,

Кара жерлер танабы,

Үзүлчүдөй баштанып,

Турган булут карарып,

Ар кайда кетип таралып,

Жер айрылып суу чыгып, Топурак учуп боз түшүп…

«Манас» эпосунда апыртылган ыкма баатырдык күчтү жана эрдикти даңазалоодо гана эмес, душмандын элесин сүрөттөөдө да колдонулат. Манас согушка аттанганда, күчтүү атаандаш жалгыз көздүү Макил дөө менен жолугат. Ал тоодой дөө болгон, канчалык чоң экенин баса белгилөө үчүн эпосто мындай сүрөттөлгөн: «Колун салып койнуна, Сууруп алды канжарды, Алтымыш чейрек тамеки, Аз бөксө болуп калганы. Кырып алып оттукка, Жолум үйдөй чок койду, Жолу каткыр бир сорду, Нары тартты коркурап, Кылымда мындай бүтүн жок, Кылайып жанган түтүн жок. Койо берди үшкүрүп, Оозунан түтүн буркурап, Ала карга, сагызган, Үн алышып чыркырап, Сакал менен муруттан, Учуп жатат быркырап. Канжанын өтүп зардабы, Жанында киши калбады». Бул жерде душмандын көлөмүн жана күчүн апыртуунун максаты душманды мактоо эмес, мындай күчтүү душманды жеңген кыргыз баатырларын даңазалоо болуп саналат.

«Манас» эпос катары, башынан аягына чейин уйкаштырылган ыкма колдонулат. Ар бир ыр сабында 7-8 муун бар, ал так сакталат. Сабактарга негизинен эпостун мазмунуна жараша бөлүнөт. Ошондуктан ар бир сабактагы ыр саптарынын саны туруктуу эмес. Кээ бири бир нече саптан гана турат, онго жакын сап же андан да көп сапты камтыган сабактар бар. Ыргагы жагынан «Манастын» ыр уйкаштыгы бай келет, анын ичинде аллитерация, орто рифмасы, акыркы рифмасы жана ритм рифмасы колдонулат. Аллитерация менен жазылган ырлар бир топ орунду ээлегенин өзгөчө белгилей кетүү керек. Аллитерация формасы – рифманын байыркы түрү. Башка түрк элдеринин ырларында аллитерация формасы өтө сейрек учурайт, бирок «Манас» эпосунда толук түрдө сакталып калган. Бул эпикалык рифмада байыркы ырлардын рифмалык формасы көбүрөөк сактап калганын көрсөтөт. Эпостун өзүнө гана тийиштүү обону болгондуктан, ар бир саптын ыргактуулугунан улам ритмдик сезими күчтүү, манасчылар айтканга да ыңгайлуу, уккан элге ырахат тартуулайт. «Манас» эпосу мазмунга бай, таалим-тарбиялык мааниси зор, көркөмдүк жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон баатырдык эпос.

«Манас» эпосу кең жана тар мааниде каралат. Кең маанисинде эпостун сегиз бөлүмү, ал эми тар маанисинде биринчи гана бөлүмү. Эпостун сегиз бөлүмүнүн ичинен биринчиси «Манас» эң көлөмдүү, 50 миңден ашык саптан туруп, эпостун төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Кыргыздардын чапкынчы кидан жана монголдорго, калмактарга каршы согуштары биринчи бөлүктө ачык-айкын чагылдырылат. Биринчи бөлүмү «Манас» калың эл арасында кеңири таралгандыктан, көптөгөн элдик өнөрпоздор тарабынан иштелип чыгып, кошумчаланып, көркөмдүк түзүлүшү чебер, тили кооз жана жандуу. Ошондуктан сегиз эпостун ичинен «Манас» көркөмдүүлүгү жагынан эң бышып жетилген бөлүмү болуп саналат. Ушундан улам, бул эпос эң алгачкы жаралып, эл арасында  кеңири жайылган, ал сегиз бөлүмдүн негизги өзөгүн түзөт. Учурда Кытай жана башка чет өлкөлүк илимпоздор негизинен «Манас» биринчи бөлүмүнүн негизинде изилдешет.

«Манас» – кереметтүү жана баалуу адабий мурас гана эмес, кыргыздардын тарыхын, географиясын, жашоо образын, диний ишенимдерин, социалдык экономикасын, үй -бүлө менен никени, музыка менен искусствону, тилин жана жазуусун изилдөө үчүн энциклопедия болуп саналат. Эпосто көптөгөн тарыхый жерлер, окуялар, инсандар жана байыркы элдер эскерилет. Саясий бийликке келсек, ал Батыш Ляо жана Карахан династияларын камтыйт; уруулар арасында уйгур, түрк, моңгол, кидан, казак, тажик, өзбек жана татарлар ж.б. Тарыхый инсандардан Чыңгызхан, Чагатай, Хубилай ж.б. Жунгар, Алтай жана башкалардын абалы кененирээк баяндалган. Ушул мезгилдеги кыргыздардын тарыхын изилдөө үчүн маанилүү пайдалануу кунуна мааниге ээ. Бул адабиятты жана искусствону баалаган адамдар үчүн руханий азык гана болбостон, коомдук илимдерди изилдөө үчүн да баалуу материал. Ал төгөрөктүн төрт бурчун өзүнө бириктирген залкар адабий мурас.

16-кылымда молдо Сейф ад-Дин ибн даммула Шах Аббас Аксыкенти өзүнүн фарсча «Мажму ат-таварихтеги» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу жазмасында эң алгачкылардан болуп «Манас» эпосу жөнүндөгү жазма даректерди калтырган. Бул эпосту изилдөөнүн 300 жылдан ашуун тарыхы бар экенин далилдей алат. 300 жылдын ичинде оозеки түрдө муундан муунга тараган «Манас» эпосу бүткүл дүйнөнүн илимпоздору тарабынан үзгүлтүксүз жыйналып, сорттолуп, которулуп жана изилденип келген, атайын изилдөө тобу да түзүлүп бүткүл дүйнөлүк изилдөө тармагына айланды. «Манас» эпосу кытай, орус, англис, жапон, немис, түрк, казак, моңгол, өзбек, француз жана башка тилдерге которулган. Көптөгөн илимпоздор эпосту ар кандай өңүттө жана ар түрдүү варианттарын изилдеп жакшы натыйжаларга жетишишти.

19-кылымдын башынан тартып «Манас» эпосу системалуу чогултулуп жана ар тараптуу изилденген. Чокон Валиханов «Манас» эпосу жөнүндө «Жунгар очерктери» аттуу китебинде жазган жана «Көкөтөйдүн ашы» бөлүктөрүн сунуштаган. В.В. Радлов «Түндүк түрк урууларынын эл адабиятынын үлгүлөрү» китептин 5-томунда «Манас» эпосу боюнча кеңири түшүндүрүү жасаган. Эпостун ар түрдүү варианттары табылып, үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Бүткүл дүйнөнүн илимпоздору эпосту изилдөөнү тереңдетүүнү улантышкан. Учурда дүйнөнүн бардык бурчундагы илимпоздор негизинен кыргызстандык эки манасчы Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианты, кытайлык кыргыз манасчылар Жусуп Мамай, Эшмат Мамбетжусуп, Сатыбалды Аалы ж.б. айтымдарынын негизинде изилдеп келишет. Негизинен эпостун тарыхы, тил илими, этнологиясы, эстетикасы, философиясы жана аскердик илими изилденилет. «Манас» эпосун изилдөөдө олуттуу жетишкендиктер бар.

Кытайда 20-кылымдын 60-жылдарынын башында «Манас» эпосун кеңири масштабда чогултууга, уюштурууга, изилдөөгө жана которууга киришкен, 40 жылдан ашык тынымсыз эмгектин натыйжасында жетишкен ийгиликтери дүйнөнүн көңүлүн бурган. Кытайда чогултулган

Жусуп Мамайдын айтымындагы «Манас» эпосу учурда дүйнөдө эң кемчиликсиз түзүлүшү бар, эң толук варианты болуп саналат. Эшмат Мамбетжусуптун варианты элдик өзгөчөлүктөргө ээ, ал эми Сатыбалды Аалы баатыр Манастын алдыңкы жети ата-бабаларын айткан жалгыз гана вариантта. 1995-жылы Кытайда Жусуп Мамайдын айтымындагы кыргызча вариантынын басылышы аяктаган, дагы башка варианттары иргелип жаткан. Эпостун көптөгөн бөлүмдөрү кытай, уйгур, казак жана моңгол тилдерине которулуп чыгарылган, Жусуп Мамайдын алгачкы толук вариантынын кытай тилине котормосу негизинен аягына чыккан. Адыл Жуматурду которгон биринчи бөлүм «Манас» эпосунун алгачкы төрт тому, 2009 жылы Шинжаң эл басмасы тарабынан басылып чыккан. Эпосту изилдөө тереңдеп, кеңири жайылууда. Кытайда 1986-жылы ноябрда, 1990-жылы декабрда жана 1994-жылы сентябрда илимий жыйындар уюштурулган. 1995-жылы Кытайда «Манас» изилдөө бирикмеси түзүлгөн. «Манас» эпосун үзгүлтүксүз терең изилдөө менен Кытайдын дүйнөдө «Манас» таануу жаатындагы ролу барган сайын артып жатат. Кытай илимпоздору көптөгөн жогорку деңгээлдеги академиялык эмгектерди жана монографияларды жазышты. Изилдөөнүн эң натыйжалуу жыйынтыктарына профессор Лаң Йиңдин (郎樱) «Кытай аз сандуу улуттардын баатырдык эпосу «Манас»», ««Манас» жөнүндө изденүү», ««Манаска» жоромол окуусу» аттуу эмгектери кирет. Адыл Жуматурдунун «Манас эпосунун айтуучуларын изилдөө», Токтобүбү Ысак кызы жана Адыл Жуматурдунун «Залкар манасчы Жусуп Мамайдын өмүр таржымалы», Мамбеттурду Мамбетакундун «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык» жана башка илимий монографиялар Кытайдагы «Манас» изилдөө тармагындагы маанилүү жетишкендиктер болуп саналат.

Манасчы – «Манас» эпосун айтуу өнөрүн атайын кесип кылган элдик талант. Кең мааниде «Манас» эпосун толугу менен же бир бөлүгүн айта ала турган элдик аткаруу чеберчини билдирет. Тар мааниде «Манас» эпосунун биринчи бөлүгүн гана айткан элдик өнөрпоздор, экинчи бөлүгүн айтканы «семетейчи» деп аталат. Манасчыны мурда кыргыз эли «жомокчу» деп да аташкан, ал азыркыга чейин кээ бир кыргыз аймактарында колдонулат. Алар «Манас» эпосунун мураскорлору, жаратуучулары, жайылтуучулары болуп саналат жана кыргыз элинин арасында чоң кадыр-баркка ээ.

20-кылымдын 60-жылдарынын башында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, Шинжаңда негизинен КСКАОдогу манасчылар 2000 саптан ашык айта ала турганы 100гө жакын киши болгон. Алардын ичинен Улуучат ооданда 40 киши, Артыш ооданда 23 киши, Ак-Чий ооданда 20 киши, Ак-Тоо ооданда 5 гана киши болгон. Кошумчалай кетсек, Түндүк Шинжаңдын Текес ооданында 2 киши жана Монголкүрө (Чжаосу) ооданында 3 киши. Артышдагы Каражун шаарчасында 1 киши, Улуучат ооданындагы Тоюнда 13 жана Ак-Чий Сом-Ташта 8 киши болгон. 21 -кылымда манасчынын үнү дагы эле кыргыздардын тоолуу жайлоосунда жаңырат. Ар курактагы жана аймактардагы ондогон манасчылар баатыр ата-бабаларынын окуяларын жандуу түрдө айтышат. Азыркы учурда Жусуп Мамай жана башка үч манасчы Кытайдын улуттук материалдык эмес маданий мурастын өкүлдүк улантуучусу катарына киргизилип, мамлекеттик деңгээлдеги коргоо объекти болгон. Жусуп Мамай бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон, илимий чөйрө тарабынан Кытайдын улуттук баалуулук деңгээлиндеги «Манас» айтуунун залкар чебери аталган.

Манасчынын үнү шаңдуу чыгып жүрөктү элжиретет. Баатырдын согуштагы жеңишин айтып жатканда, анын үнү бийик, кубанычтуу чыгып, баатырдын коркунучтуу абалын жана курман болгонун айтканда, анын үнү  буулугуп чыгып, көзүнө жаш толот. Угуучулар арбалып, бирде күлүшүп, бирде көз жашын төгүп угушат. Манастын тагдыры алардын жүрөгүнө абдан катуу таасир берет, Манастын тагдыры-алардын тагдырындай болуп Манас жеңсе, толкунданышат, Манастын көңүлү чөксө, тынчсызданышат, Манас азап чексе, азап тартышат, Манас курман болгондо, абдан кайгырышат. Алар акыл-эси, жан-дүйнөсү менен баатыр Манастын ааламына киришип, Манастын кубанычын да, кайгысын да тең бөлүшүшөт. Манасчы түнү бою тынбай Манас айтат, кээде бир нече күн, ал тургай ондогон күндөп айтат. Манас баатырдын төрөлүшүнөн үйлөнүшүнө чейин, Манас баатырдын жортуулунан өлүмүнө чейин айтат. Манастын жашоосундагы баатырдык эрдигин айткандан кийин,  Манастын баласы Семетейдин, небереси Сейтектин өмүрүн да айтат. Кээ бир атактуу манасчылардын укмуштуудай эс тутуму, он миңдеген, жүз миңдеген саптарды, ал тургай жүз миңден ашык саптарды да жатка билишкен. Алардын Манас айтканы учкан булуттай, аккан суудай, тунук булактай. Сезимдерге толуп, ички сезимди билдирүү үчүн бетинин ар бир майда булчуңдарына чейин бүлкүлдөп, кол жаңсоосу дене кыймылына дал келген. Манас айтып жатканда үнү кээде коңгуроодой шаңк этсе, кээде акырын, кээде бийик чыгып, кээде муңдуу обон менен да айтышкан, абдан күчтүү көркөмдүк таасири бар.

Угуучулардын жүрөк кылы Манас баатырдын тагдырына ээрчий чертилет. Манастын баатырдык руху алардын жүрөгүн багындырат жана алар кыргызда Манас бар экенине чексиз сыймыктанышат. Манасчынын «Манас» айтканын угуу – жайлоодо жашаган жөнөкөй жана чынчыл кыргыз малчыларынын эң жогорку руханий ырахаты. Эркектер, аялдар жана балдар кунт коюп толкундануу менен угушкандыктан чыныгы турмуштун кыйынчылыктарын жана түйшүктөрүн, убакытты жана мейкиндикти да унутушуп «Манас» эпосуна толугу менен сүңгүп киришет. «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Кыргыз эли үчүн «Манастын» чексиз тартымдуулугу бар.

Кыргыздардын канчалаган муундары «Манас» угуп чоңоюшкан, канча деген муундары «Манас» угуп дүйнөдөн өтүшкөн, жалгыз гана «Манас» эпосу кыргыз улуту менен түбөлүк жашайт.

(2) «Кожожаш»

«Кожожаш» – кыргыздардын байыркы аңчылык доорундагы жашоо образын, жаныбарларга сыйынуусун жана табиятка болгон өзгөчө түшүнүгүн чагылдырган байыркы кыргыз мифтик эпосу. Эпос Шинжаңда кыргыздар жашаган аймактарда таралган. Ал кыргыздын салттуу оозеки баяндалган байыркы мифтик эпос, оозеки түрдө эл арасында таралып келген, Кытайда жана Борбордук Азияда жашаган кыргыз улутунун арасында кеңири таралган. Негизги мазмуну: Кожожаштын төрөлүшү; Кожожаштын дүйнөдө жок мергенчи болушу; уруусун багуу үчүн өзүнүн аңчылык ыкмаларын колдонушу; сулуу  Зулайкага күйөө тандоо үчүн коноктордун чакырылышы; Кожожаштын Зулайкага үйлөнүшү; Сур эчки Кожожаштан Алабаш текесин кайрып беришин сурануусу; Кожожаштын жапайы жаныбарларды кырышы; Сур эчкинин каргышына калып Кожожаштын аскада өлүшү; баласы Молдожаш атасынын ишин улантып, атасы үчүн өч алуусу жана башка окуялар баяндалат.

Бул кыргыздардын байыркы аңчылык коомунда адам баласы менен жаратылыштын ортосундагы карама-каршылыктарын жана табийгаттын катаал кубулуштарынын ортосундагы өз ара алакаларын сүрөттөгөн мифтик эпос. Кытайдын Улуучат ооданынан чыккан дастанчы Өмүр Молдонун айтымына ылайык, эпостун негизги мазмуну мындай: Уламыш боюнча, байыркы убакта Маралбашы жана Келпин аймактарында бир кыргыз түзгөн хандык болгон. Хандын аты Калип, жашы алтымыштан ашса да мураскору болгон эмес, ушул себептен анын тынчы кетип, ата-бабаларынын көрүстөнүнө барып сыйынып бала тилеп жалынат, ошол жерде түнөйт. Анын такыбалыгына Кудайдын боору ооруп, ага берешендик кылып уул берет. Аялы Шаркыз карыганда кош бойлуу болот. Калип хан карыганда уулдуу болгонуна абдан сүйүнүп, көп конок чакырат. Чоң кубаныч болуп жатканда, кырсык башка түшөт, күтүлбөгөн жерден баскынчылар басып кирип, кыргын салат, кыргыздар азапка чөгөт. Калиптин хандыгында 6000ден ашуун түтүн болгон, кан төгүлгөндөн кийин 20дан ашык гана түтүн аман калат. Тирүү калган кыргыздар шашып качышат, алар Жедигер аймагына келишет. Бул токойлуу жана жапайы жаныбарлар топтобу менен жүргөн жер болот, анда мергенчилик үчүн эң табылбас жер эле. Калип хандын уулу Кожожаш бала кезинен бери мергенчиликти жакшы көрчү, анын жаа атуу чеберчилиги да мыкты болгон. Акылдуу Кожожаш мергенчиликти тез өздөштүрүп, атактуу мергенчи болуп чыгат. Кашкарда Канкожо аттуу хан болгон жана анын Зулайка аттуу сулуу кызы бар. Бир күнү Зулайка түш көрөт, ал күчтүү мергенчиге турмушка чыкканын түшүндө көрөт. Ал атасына өзүнүн түшү жөнүндө айтып берет, мыкты жебе чеберчилиги бар жаш мергенчиге гана турмушка чыгаарын айтат. Андыктан Кашкар ханы сарайдын алдына сексен метрлик мамы орнотуп, анын таяныч кырына «ээк» илинет. «Ээк» уйдун карынын тазалап, анын ичи алтын жана күмүш тыйындар менен толтуруп үйлөткөндөн кийин оозун катуу байланат. Кашкар ханы салтанаттуу түрдө мындай деп жарыялайт: «Ким ат үстүндө мамынын чокусундагы ээкти атса, мен кызым Зулайканы ага аялдыкка берем, ал эми ата албагандар дарга асылат. Бул кабарды уккандан кийин уйгурлар жана кыргыздар сыяктуу көптөгөн улуттардан атактуу жаш мергенчилери өз бактысын сынап көрүүгө келишет. Бирок, эч ким ийгиликке жете албайт. Кожожаш да кабарды уккандан кийин Жезбилекти минип кирип келет; ал жаасын тартып, бутага багыттап, алтын жаа көк асманга учуп «ээктин» так ортосуна тийгенде, ичиндеги алтын жана күмүш тыйындар жерге түшөт; алтын жаа Зулайканын буту жагына түшөт. Кожожаш жаа атуу боюнча мыкты чеберчилиги менен Кашкар хандын кызы Зулайканын сүйүүсүнө жетет, алар үйлөнүшөт. Ошондон тартып, Кожожаштын мыкты жаачы экени бардык тарапка жайылат. Кожожаш кичи мекенине кайтып келгенден кийин да мергенчилик менен алектенет. Жаа атуу боюнча мыкты чеберчилигинен улам, айланадагы айбанаттардын бардыгына аңчылык кылат. Кожожаш Сур эчкинин кырк улагын атып өлтүрүп, Сур эчкинин кеңешине жана жалынуусун угуудан баш тартып, Алабашты да өлтүрөт. Сур эчки каарданып, Кожожашты сыйкырчылык менен аскага чыгарып камап салат, ал сууктан жана ачкадан өлөт. Кожожаштын Молдожаш аттуу уулу бар, ал атасына окшоп жаачы жана мыкты мергенчи болуп чыгат. Атасынан өч алуу үчүн чечкиндүү болуп, ал Сур эчкини издеп чыгат. Молдожаш жаа менен атканда, анын алдыңкы буттарынын бирине тийет. Сур эчкинин эки алдыңкы бутунун бирин Кожожаш, экинчисин уулу Молдожаш аткан болот. Эки бутуна жаа тийгендиктен, ал кыймылдай албай, Молдожаштын колуна туткунга түшөт. Сур эчки Молдожашка жалынат: «Эгер сен менин жанымды сактап калсаң, анда менин балдарым жана неберелерим сөзсүз түрдө кыргыз мергенчилерине жакшылыгын кайтарышат. Мен багып алган кызым Алтынчачты сага аялдыкка берем». Алтынчач Улукман дарыгердин шакирти, ал бардык ооруларды айыктыра алат. Кийинчерээк, аны тоо эчки туткунга алган. Сур эчки анын жанын туяктарына жашырып, денесин кар тоонун чокусундагы муз кутучага салат, анын алтын ачкычын Сур эчки жанында алып жүргөн. Молдожаш Сур эчки менен жарашып, аны бошотот. Молдожаш алтын ачкычтын жардамы менен кар тоонун чокусундагы кутучаны ачып, Алтынчачты алып чыгып жанын кайтарганда, ал кайра тирилет. Молдожаш сулуу Алтынчач менен чоң үйлөнүү тоюн өткөрөт, анда бардык жаныбарлар чогулуп бийлешип, кубанычка бөлөнүшөт. Ошондон тартып кыргыздар жапайы жаныбарларга аңчылык кылып кыргын салбайт. (3) «Буудайык»

«Буудайык» – байыркы кыргыз элинин жаратылыштагы бардык нерселердин пирине табынуу түшүнүгүн чагылдырган, сыйкырдуу мифологиялык түстөргө ээ жана бай маданий мазмунга толгон мифтик эпос. Эпос куштардын төрөсү Буудайыктын атынан аталган, касиеттүү куш менен адамдардын карама-каршылыгы аркылуу адам баласы менен табияттын табышмактуу байланышын көрсөтүп, кыргыздардын табигый дүйнөгө болгон түшүнүгүн чагылдырат.

Эпостун элдик адабиятка мүнөздүү «тыюуну бузуу-жазага калуу» сыяктуу баяндоо өзгөчөлүгү бар. Кытайдын Ак-Чий ооданындагы элдик ырчы Мамбетказы Эминалынын айтымына ылайык, эпикалык окуя мындай баяндалат: Байыркы убакта Төлөк аттуу малчы болгон, бир жолу ал түшүндө куш төрөсү буудайыкты көрөт. Ойгонгондон кийин түшүндө көргөн күчтүү жана кайраттуу касиетке ээ болгон кушту табуу үчүн көп жолу тоого барат. Бир күнү Төлөк Эркин тоосуна келип, канаттуулар көп жашаган жерге тор жаят. Көп деле убакыт өтпөй алп куш торго түшөт. Төлөк чуркап барып карайт, алп куш түшүндө көргөн ыйык куш экенин көрөт, бир нече күн бою көксөп жүргөн куш. Ал кубанып, аны Абаран ханга асыл буюм катары тартуулайт.

Хан ага чоң сыйлык берет. Ыйык кушту кармагандан кийин, Төлөк бир түндүн ичинде жайлоодогу эң бай адам болуп калат. Абаран хан ыйык куш Буудайыкты алгандан кийин, эң кымбат кенч катары аны башкаларга көрсөтүүнү каалап капаска салат. Бирок, Буудайык колго түшүрүлгөндөн кийин, анын көздөрү тунарып, эч нерсе жебей, ичпей, жаны жоктой көрүнөт. Хан өтө тынчсызданып, касиеттүү Буудайыкты ким кайрадан күчтүү жана эр жүрөк кылса, ага чоң сыйлык берерин жарыя кылат. Ханга бир жез кемпир келет, ал Буудайыкты мурдагыдай күчтүү жана эр жүрөк кылуунун жолу бар экенин айтат, шарты болсо хандыктын жарымынан баш тартып, ага эркек бала бериш керек. Ыйык Буудайык үчүн хан анын шарттарына дароо эле макул болот. Жез кемпир ханга мындай дейт: «Буудайыкты мурдагыдай күчтүү кылуунун бир гана жолу бар, кушту кармаган адамдын жүрөгүн жана боорун кушка берип жана анын жүрөгүнөн чыккан канды куштун көзүнө сүйкөш керек». Ошондуктан хан Төлөктү карматып келип өлтүрүп, Буудайыкка анын жүрөгүн жана боорун берип, жүрөгүнөн чыккан кан менен Буудайыктын көзүнө сүйкөйт. Бул ыкма чынында эле жардам берет, Буудайык мурункудай эле көздөрү оттой жалындап, айбаттуу калыбына келет. Хан аны аңчылыкка алып чыгат, тоодогу эчки, бугу, жапайы ат, токойлордогу жапайы камандар жана жолборстор Буудайыктын тырмактарынан качып кете алышпайт. Көп өтпөй жапайы жырткычтар жүргөн токойлордо бир да жаныбар калган жок. Аңчылык кылганга жаныбарлар жок болуп, ачка калган Буудайык алыска учуп кетет. Хан жез кемпирди чакырып, андан сунуш сурайт. Ал дүйнөдө Буудайык кушун кайра кармап ала турган бир гана адам бар экенин айтат, ал адам Төлөктүн уулу Сейит. 7 жаштагы Сейит хандын буйругунан баш тартууга батынган жок, ал тоолорду жана дарыяларды аралап өтүп, бардык кыйынчылыктардан кийин акыры кара үңкүрдүн чокусунан Буудайыкты кармайт. Кереметтүү куш менен кайрадан жолугушу ханды абдан бактылуу кылат. Атасын сыйлаган ыкмасына ылайык, ал Төлөктүн уулу Сейит дагы сыйлык тартуулайт. Көп өтпөй касиеттүү Буудайык тамактанууну токтотот, канаттары салбырай түшөт, капалуу көрүнөт. Хан кайрадан жез кемпирдин айтканын угуп, Төлөктүн уулу Сейитти өлтүрүп, анын жүрөгүн жана боорун Буудайыка берет, жүрөгүнөн чыккан канды Буудайыктын көзүнө сүйкөт. Будайыктын көздөрү мурункудай жаркырап күчкө ээ болот. Хан кайрадан аны мергенчиликке алып, кайда барбасын, асманда учуп жүргөндөр жана жер астында чуркагандар Буудайыктын чеңгелине түшүп калышат. Хандын аймагында асманда куш жок, жерде кайберен жок болуп калат. Ачкөз хан Буудайыкты көтөрүп, бардык жерлерде мергенчилик кылат. Бир күнү асмандан ак куу учуп келет. Хан Буудайыкты коё берип, ага ак кууга аңчылык кылууга белги берет. Буудайык ак кууга зыян келтирбестен, аны менен бирге көк асманга учуп кетет. Хандын ачуусу келип, жез кемпирди өлтүрүп, катуу ачуулангандыктан, хан кан кусуп өлөт. Буудайык ач көз хандан, жырткыч куштардын коркунучунан кутулат, кайра токойго учуп барып, эркиндикке ээ болуп, жаңы жашоо баштайт. Канаттуулар менен айбанаттар чогулуп эркиндикте, тынчтыкта жана бейкуттукта жашап калышат.

(4) «Эр Төштүк»

«Эр Төштүк» – кыргыздардын байыркы элдик мифтик эпосу. Шинжаңда кыргыздар жашаган аймактарда таралган. Ал кыргыздардын аңчылык маданияты доорунда пайда болгон жана оозеки түрүндө элге тараган, кыргыз мифологиясын жана алтай тилдериндеги көптөгөн байыркы мифологиялык мотивдерин чагылдырат. Эпос башкы каарман Эр Төштүктүн атынан аталган. Кыргыз тилинде «эр» баатыр, «төштүк» төшүндө жүнү бар адам дегенди билдирет.

1987-жылы Жусуп Мамайдын айтымы боюнча КызылСуу кыргыз басмасында басылып чыккан, 8000 сапка жакын. Окуянын кыскача мазмуну төмөнкүчө: Уламыш боюнча, илгери заманда Шинжаңдын түштүгүндөгү СарыКөлдө кыргыздардын кыпчак уруусу жашаган. Урууда Эламан аттуу бай кишинин тогуз уулу болгон, бирок тогуз уулу тең биринин артынан бири жоголгон. Эламан тынчсызданып жатканда, анын улгайган аялы Камкатай кереметтүү жол менен кош бойлуу болуп, эки жыл өткөндөн кийин гана төрөйт. Бала төрөлөөрү менен башкача болуп, жети күндүн ичинде сүйлөп, тамак жеп-ичип калат, ары-бери чуркайт. Тогуз жашында ал баатыр болот. Бул бала төшүндө калың кара чачтуу болуп төрөлгөндүктөн, адамдар бул өзгөчөлүгүнө карап Төштүк деп аташат. Төштүк тогуз жашында аял алган, аялы акылдуу жана сулуу, анын аты Кенжеке болгон. Кенжеке Урумдун башчысы Орускандын кызы. Төштүк жана аялы менен мекенине кайтып келе жатканда Кенжекени желмогуз Кубулма уурдап кетет. Төштүк аялын куткаруу үчүн Кубулманы өлтүрөт. Төштүктүн желмогузду өлтүрүшү жети баштуу жезкемпирдин ачуусун келтирип, жети баштуу жезкемпир менен Төштүктүн ортосунда кастык жаралат. Төштүктөн өч алуу үчүн жер астында жашаган жети баштуу жезкемпир жерге көтөрүлүп, ал эчкинини өпкөсүнө айланып, Төштүктүн атасы Эламан көп өткөн дарыяда калкып жүрөт. Күндөрдүн биринде Эламан малдарды айдап дарыяга келет, ал эчкинин өпкөсү дарыяда калкып баратканын көрүп, байлыкка ач көз болгон Эламан эчкинини өпкөсүн сүзүп алат. Эчкинини өпкөсү кайрадан жезкемпирге айланып, ал Эламанды ар кандай жол менен кыйнап, аны өлтүрүп кайра тирилтет. Жезкемпир Эламанга Төштүктүн жаны сакталган бүлөө ташын алып келишин буйрук кылат. Жезкемпир Төштүктүн жаны бул тегирмен ташында катылганын билет, аны алып жанды өлтүргөндө, Төштүк өзүн-өзү жок болот эле. Өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн, Эламан өз баласын сатуудан тартынбайт, ал жезкемпирге уулунун жаны сакталган бүлөө таш Кенжекенин кийими салынган сандыкта катылганын айтат. Эламандын көрсөтмөсү менен, жети баштуу жезкемпир Кенжекенин сандыгын ачып, бүлөө ташты алып чыгат. Ушул маалда Төштүк кирип келип, ал бүлөө ташын жулуп атына минип качып кетет, жети баштуу жезкемпир артынан кууса да жете албайт. Ошондуктан жезкемпир дуба кылганда жер жарылып Төштүк жер алдына түшөт. Баатыр Төштүк 7 жыл жер астында жашайт. Жер астында ал кара дөө, аюу, жолборс жана алп кара куш менен таанышып, ушул жакын досторунун жардамы менен жети баштуу жезкемпирди, көк дөөлөрдү, ак дөөлөрдү, торгойлорду жана башка желмогуздарды өлтүрөт. Алп куштун жардамы менен баатыр Төштүк кайра жерге көтөрүлүп, аялы Кенжеке менен кайра биригет. Желмогуздар жок болгондо, кыргыздар тынчтыкта жашап, бакубат өмүр сүрүшкөн.

(5) «Жоодарбешим»

«Жоодарбешим» – кыргыз элинин арасында кеңири тараган баатырдык эпос. Адатта «Эр Төштүктүн» уландысы катары каралат. Эпостун мазмуну биринчи бөлүгүнө окшош, ырааттуу байланышты түзөт, ошондой эле көптөгөн байыркы мифологиялык мотивдерге ээ, муну кыргыздардын кенже эпикалык чыгармаларынын ичинен эң белгилүүсү.

Кытайда чогултулган көптөгөн варианттары бар. Абдыкерим Асандын варианты боюнча окуя төмөнкүчө чагылдырылган: Жоодар Төштүк баатырдын уулу, атасы баласын үйлөнтүш үчүн жайлоо жана шаарларды кыдырган. Нурхандын кызы Нурперини туура көрөт, ал хандын алаканындагы асыл ташы болгон. Ал атасына алтын баштуу ак аркарды кармап келген адам гана анын күйөөсү болууга татыктуу экенин айтат. Нурхан кызы сунуштаган шарттардын негизинде күйөө баласын тандоону баштайт. Эр Төштүк өз уруусуна кайтып келип, уулу Жоодарды жана көптөгөн мергенчилерди алып, алтын баштуу ак аркарга аңчылыкка чыгат. Алар жайлоодон ак аркарды табышат, аны курчоого алган кезде, Жоодардын жанынан булт деп чыгып кетет. Эр Төштүк абдан ачууланып, уулун өлтүргүсү келет, элдин өтүнүчүнүн аркасында Жоодарга алтын баштуу ак аркарды жалгыз барып кармоого уруксат берет. Апасы бул тууралуу укканда, Жоодарды тай эне жана тай атасынан жардам суроого барышын айтат. Жоодар алты айдан кийин гана тай энесин жана тай атасын табат. Алар Жоодарга күчтүү жаа менен согуш тон сунуп, ага ат беришет. Жоодар жети күн, жети түн ат үстүндө жүрүп отуруп кууш өрөөнгө туш болот. Аты анын маңдайындагы тоодо желмогуздун союлчусу бар экенин айтат, ал абдан катаал, сени өлтүрүүгө буйрук алган, сен аны өлтүрүшүң керек дейт. Жоодар менен союлчунун ортосундагы катуу кармаштан кийин, акыры анын башын кесип, жолун улантат. Жоодар жол жүрүп отуруп, алтын баштуу ак аркарды табат. Аттын жаракатынан улам, ак аркарды качырып жиберет. Жоодар аттын жараатын таңганда, кичинекей терек сыяктуу нерселер алыстан учуп келет, аларды желмогуз Жоодарды өлтүрүү үчүн жиберген курч жебелер эле, атын да ушул жебелер жарадар кылган, биринчи желмогуздун күйөө баласын, андан кийин өзүн өлтүр дейт аты. Күн батканда, Жоодар желмогуздун күйөө баласы жашаган жерге жөнөйт, аны өлтүргөндөн кийин атын минип, ак аркарга аңчылык кылат. Кичинекей дөбөдө Жоодар ак аркарды табат, ага акырын басып баратканда, ал качып кетет. Жоодар атка минип, жолун улантууга аргасыз болот, бирок күтүлбөгөн жерден кара шамал согуп, сегиз күн тынбай калың кар жаайт. Ак кардуу жайлоодон Жоодар дагы бир алтын баштуу ак аркарды табат, жаа менен атканда ага тиет, жараланган ак аркарды кармаганга бара жатканда, асмандан ак булут калкып чыгып, ак аркарды алып кетет. Жоодар ат менен аны кууп бара жатып бир боз үй алдына келет, аны ак сакалдуу карыя тосуп чыгат. Жоодар ак аркарды кармаш үчүн кандай кыйынчылыктарды баштан өткөргөнүн карыяга айтып берет, аны ак боз үйгө киргизет. Ал боз үйдө жараланган ак аркардын жатканын көрүп, абдан таң калат. Ак сакалдуу карыя ага бул ак аркар өзү эңсеп жүргөн хандын жалгыз кызы Нурпери экенин айтат. Көз ачып жумганча эле ак аркар сымбаттуу айымга айланат. Ак сакалдуу карыя хан болуп чыгат. Хан Жоодарга желмогуз жайлоодогу эң каардуу душман экенин айтат. Ким аны жеңсе, бир кой да калың албастан, байлыгынын жарымын кызынын себи катары берем дейт. Жоодар жайлоону куткарыш үчүн атын минип, желмогузду издеп таап, чечүүчү согушту баштайт. Желмогуз эбегейсиз сыйкырдуу күчкө ээ болуп, эгер анын бир башы кесилсе, дароо жаңы баш өсүп чыгат, аны желмогуздун алтын кылычы гана өлтүрө алат. Жоодар зордук-зомбулуктан коркпой, акылын жана кайратын ишке салып күрөшүп, акыры желмогузду өлтүрүп, сулуу Нурпери менен бактылуу үй-бүлө курушат.

(7) «Курманбек»

«Курманбек» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Шин жаңда кыргыздар жашаган аймактарда таралган. 17-18-кылымдагы кыргыз коомунун тарыхый окуясын астар кылып, өз мекенин коргоо үчүн күрөшкөн кыргыз баатыры Курманбектин эрдиктери даңазаланат.

Эл ичинде эпостордун көптөгөн варианттары бар. Бул тарыхты, элдик адабиятты жана кыргыз улутунун жашоо салттарын изилдөө үчүн маанилүү пайдалануу кунуна ээ. Окуянын кыскача мазмуну мындай: Илгери кыргыздын кыпчак уруусунун малчылары кең жайлоодо ээн-эркин жашашып, алардын жашоолору кубанычка бөлөнүп турган. Калмактардын капыстан кол салуусу кыпчак малчыларынын бакубат жашоосун бузат. Корун хан жетектеген калмак аскерлери кыргыз элинин жайлоосуна басып киришип, алар кыпчак уруусун талкалап, кыргыздардын малдарын  тоноп, аялдарына тийишет. Калмак элинин зордук-зомбулугуна туш болгон уруу башчысы Tейитбек коркуп үрөйү учуп, колунан эч нерсе келбейт. Ал баскынчы душманга каршы согушкан эмес, уруусу менен качып кетет. Узак жолдо уруу туш-тушка чачырап, натыйжада башына түшкөн мүшкүлдөн кутула албай, бардыгы калмактардын  кулу болуп калышкан. Эпосто мындай деп айтылган: Алыска сапар тартпаган, түйшүгүн жолдун билеби, айылынан ары баспаган, ата журт баркын билеби. Көч мезгили бүтө электе, Корун хан тоноп кетти. Кыргызда маараган малы, үрүп чыгар ити, жамынар чапаны калган жок. Тажаал Корун хандын ачуусу жана каарына жан баласы туруштук бере албайт.

Аялдар кыйналып, абышкалар кордолуп, Төрөбай кырдуу куралдан каза табат. эркечтен айрылгандай, кыргыздар да туш тарапка бөлүндү. Кырсыкка кабылган кыргыз калмактын кулуна айланды. Кыргыздар менен кыпчак уруусу жок болуу алдында турган учурда, уруу башчысы Тейитбектин тукумсуз аялы Сулайка ушул убакта кош бойлуу болуп, Курманбек аттуу уулдуу болушат. Курманбек төрөлгөн убакта эле башкалардан айырмаланып турду. Тез эле чоңойду. Ал бир күндө чоңойгону, башка балдар үчүн бир жылга барабар болгон. Он жашка келгенде бул дүйнөдө ага эч ким тең келе алган жок. Ал калмак элинин ырайымсыздыгына күбө болгон жана элди калмак баскынчыларына каршы күрөшкө жетектегиси келген. Ал атасына келип, душман менен согушууга уруксат берүүсүн суранган. Баласынын сөздөрүн уккандан кийин, атасы колдоо көрсөтүүнүн ордуна, ар кандай ыкма менен ага тоскоолдук кылды, коркуп чычкандай титиреген Тейитбек баласы сүйлөй электе эле баш тартат: «Балам, сен эч кандай кыйынчылыкты жаратпа. Калмак кулатса кулай турган дубал эмес!» Баатыр Курманбек атасынын сөзүнөн корккон жок. Ал чачыранды кыпчак урууларын кайра чогултуп. Алар уйгур, казак, түркмөн жана башка улуттар менен биргелешип калмак баскынчыларына каршы биримдик түзүшөт. Жеңилбес калмак акыры жаш баатыр Курманбектен жеңилип калат, ошондон кийин эрдемсибей, баш ийип кыпчак уруусуна салык төлөйт. Жаш баатыр Курманбек мыкты жетишкендиктерге жетишет, аны кыргыз эли терең урматташат жана жакшы көрүшөт. Жеңишке жеткенден кийин ал жакшы тилегин ишке ашырып, Кокон падышасынын сулуу кызы Канышайга үйлөнөт.

Калмактар жеңилгенден кийин артка чегинген эмес, алар Кашкарда жашаган уйгурларга кол салышат. Кашкардын башчысы Аккан хан калмактарга тең келе албагандыктан, ал жардам сурап Курманбекке элчисин жөнөткөн. Катта мындай деп жазылган: «Менин эң жакын досум Курманбек, келип бизди куткар. Азап тартып, калмак биздин Кашкарды талкалап кирип келишип бир ай башаламандыкты козгоду. Калмактар топурагыбызды тоз кылды, Кашкардын асманын боз кылды. Кашкарды өрттөштү, талап тоношту, менин элимде бир да мүнөт тынчтык жок. Кашкар жер үстүндөгү тозокко айланды, аялдар менен балдар ачкалыктан ыйлашты, элимдин башына мүшкүл иш түштү. Жакшы досум Курманбек, тезирээк жардамга кел, биз сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз». Жаңы эле үйлөнгөн Курманбек атынын ээрин ала электе эле кайра согушка аттанат. Азап тартып жаткан уйгур бир туугандарды куткаруу үчүн, ал жаңы эле үйлөнгөн аялы менен коштошуп, тездик менен Кашкарга келет. Курманбектин аскерлери ушунчалык күчтүү болгондуктан, Анжияндан Кашкарга чейин душмандарды жеңет. Курманбек калмак менен айыгышкан кармашты акыркы жеңишке ээ болгону жаткан мезгилде, атасы багынып берүү саясатын жүргүзгөндүктөн, Курманбекке тукур атты берет, Курманбек аттан кулап түшүп оор жаракаттардан улам каза болгон. Курманбектин уйгур досу Аккан хан Кашкардан жардамга келген, бирок кеч болуп калган. Ал Курманбектин уулу Сейитти Канышайдан алып, аны өзү багып чоңойтуп, чоңойгонда атасы жана кыргыздар үчүн өч алууга тарбиялаган.

(8) «Жаңыл Мырза»

«Жаңыл Мырза» – кыргыз элдик баатырдык эпосу, Шинжаңда кыргыздар жашаган аймактарда таралган. Чыгарма б.з. 16-17 кылымдагы чыныгы тарыхый инсандардын турмушуна негизделген, баскынчы калмактарга каршы күрөшкөн баатыр кыз Жаңыл Мырзанын баатырдык эрдиктери, уруудагы ички талаш-тартыштар жана эркин сүйүүгө умтулуу сүрөттөлөт. Жаңыл Мырза кыргыз улутундагы нойгут уруусунун башчысы, мыкты жаачы. Анын акылмандыгы, эр жүрөктүүлүгү жана тайманбас руху баатырдык доордо кыргыз улутундагы баатыр аялдардын үлгүсүнө айланып жана ал эл арасында кеңири жайылган.

Бул эпостун көптөгөн варианттары элде кеңири таралган. Кыргыз элдик оозеки адабиятын жана байыркы кыргыз аялдарынын жашоо шарттарын изилдөө үчүн мааниси чоң. Жусуп Мамайдын айтымындагы вариантын негизги мазмуну: Кыргыздын нойгут уруусундагы Көкчөнүн Жаңыл Мырза аттуу кыз бар. Ал бала кезинен бери ат минүүнү жана жаа атууну жакшы көрчү. Жаңыл 10 жашка толгондо, Кокон хандыгынын союлчусу, Кашкардын ханы Турсун  жана ал жетектеген топ кыргыздарды кысымга алып, кыргыздардын Какшаал жайлоосун ээлеп алган. Күчтүү баскынчы душманга туш болгон Жаңыл Мырза салмактуулук менен ар кайсы уруу башчыларын чогултуп каршылык көрсөтүшкөн. Жаш баатыр Жаңыл күчтүү душмандан чегинбей, ал душман Турсун ханды атып өлтүрүп, Кашкардагы уюгун кыйратат. Чочуп калган уйгурдун улуу муунуна, жаш баатыр Жаңыл мындай дейт: «Мен силердин шаарыңарды эч качан басып албайм жана мүлкүңдү тонобойм. Алтын, күмүш казынаңар менин баатырдык даңкыма шек келтиришин каалабайм». Жаңыл баскынчыларга катуу сокку уруп, элди жеңишке жеткирет. Жаңылдын жеңиши Кокон ханына тынчтык бербейт. Кыргыз баатырынан кутулуу үчүн ал кыргыздын сарыбагыш жана карабагыш урууларынын башчылары жана калмактар менен биригип, күчтүү курамды түзүп, Жаңыл турган нойгут уруусуна катуу чабуул баштайт. Уруунун коопсуздугун коргоо үчүн Жаңыл эркекче кийинип, туулга жана соот кийип, атка минип, жаа менен жебени кармап, баскынчы душман менен кандуу салгылашкан. Көптөгөн күчтүү душмандар жаш баатырдын айыгышкан чабуулуна тең келе алышпайт, алар чегинип беришет, Жаңыл душмандын артынан кууп жөнөйт. Душманды кууп бараткан жолдо буктурмага кабылып, тилекке каршы колго түшүп калат. Бир ашта болгон мелдеште адамдар баатыр кыз Жаңылдын өнөрүн көргүсү келип, Жаңылдан мелдешке катышууну суранышат. Жаңыл учурдан пайдаланып, душманды атып, элдин арасынан октой атылып чыгып, из жашырып качып кетет. Эл эсине келгенде, Жаңыл туулган жерине кайтып бара жаткан болот. Душмандын жеринен качып Жаңыл өз элине кайтып келет. Кыргыз элинин мал-мүлкүн талап-тоноо үчүн калмактар башчысы Шыгай хандын жетекчилиги астында Жаңылдын уруусун курчоого алышкан. Калмактар менен болгон айыгышкан кармашта Жаңыл, душмандын саны көп болгондуктан дагы бир жолу душмандын колуна түшөт. Каардуу калмактар баатыр кызды элге көрсөтүү үчүн жыгач капаска салышат. Жаңыл дагы бир жолу жыгач капастан качып кетүүгө үлгүрөт, ал атына минип калмактын ханы Шыгайды жаа менен атып өлтүрөт, дагы бир жолу алкымдаган ажалдан качып кутулуп, туулган шаарына кайтат. Шыгай хан Жаңылдын колунан мертинип, анын бир тууган иниси Түлкү өч алуу үчүн, соодагер кейпин кийип алып, нойгут уруусуна аралашып кирет. Жаңылдын бейкапар турганынан пайдаланып, күтүлбөгөн жерден чабуул жасайт. Дагы душмандын колуна түшпөө үчүн, Жаңыл Мырза толкундуу дарыяга секирип, баатырларча курман болот. Душмандар анын башын кескишкен, айылдыктар сөөгүн бийик тоого көмүшкөн. Кыргыз эли баатыр кыз Жаңыл Мырзаны терең урматташат жана сыйлашат.

(9) «Багыш»

«Багыш» – кыргыздын дагы өтө бир маанилүү баатырдык эпосу. Жусуп Мамай айткан, аны Жумаалы жазып алган. 1991 жылы Шинжаң эл басмасында араб арибинде басылып чыккан. Негизги мазмуну: Багыш Жети-Суу жайлоосунда жашайт, ал жедигер уруусунун башчысы. Ал кезде кыргыздарды калмактар тоноп, кордогон. Жедигер уруусу жер которуунун азабын башынан өткөрөт. Эл кыйналып турганда Багыш баатыр төрөлгөн. Ал бала кезинен бери калмак баскынчыларынын зулумдугуна күбө болгон, калмак баскынчыларын Жети-Суу жайлоосунан кууп чыгууга бел байлаган, бирок аны коркок атасы Бай хан токтотуу үчүн аракет кылат. Атасынын каршылыгына карабай, Багыш ат даярдап, кылычын көтөрүп, элди баштап калмак баскынчылары менен кандуу кармашка аттанат. Багыш тайманбастык менен жеңишке жетип, калмак башчысы Королдой менен Көңтөйдү өлтүрүп, алардан тонолгон малды жана мүлктөрдү кайтарып алып, калмактарды Жети-Суудан кууп жиберет, кыргыздардын малчыларын калмактардын кулчулугунан бошотот. Багыш баатыр калмактарды жеңип эле тим болбостон, ЖетиСууну басып алган тажик уруусунун башчысы Байнурду, жаркент уруусунун башчысы Челекбашты жеңген. Багыш жана Манас бир доордун баатырлары. Багыш кыргыздын жедигер уруусунан, ал эми Манас кыргыздын сары ногой уруусунан чыккан. Багыш – уруунун башчысы, Манас – күчтүү уруулар бирикмесинин башчысы болгон. Манастын негизги аскер жайгашкан Таласты калмактар курчоого алгандыгы тууралуу кабарды укканда, Багыш дароо аскерлерин жетектеп жолго чыгат, жарым жолдо Манас калмак баскынчыларын талкалаганын угуп, кайра артка кайтат, Жети-Суу жайлоосунда кылмыш жасаган 40 каракчыны жок кылат. Багыш улгайганда Толтой деген уулдуу болот. Бала чоңойгондон кийин Багыш хандык ордун уулу Толтойго өткөрүп берген. Багыш өлөр алдында насаатын айтат, уулу Толтойдон Манастын уулу Семетей менен тил табышып, баскынчыларга каршы биргелешип күрөшүүнү жана кыргыз элин коргооону тапшырат.

(10) «Толтой»

Багыштын улуу Толтойдун аты менен аталган, «Толтой» баатырдык эпосу негизинен Шинжаңдагы кыргыздар жашаган аймакта тараган. XII-XIV кылымдарда кыргыз уруулары кидан, моңголдор менен болгон талаш-тартыштар жана күрөштөр сүрөттөлөт. Ал кыргыз элинин байыркы коомдук тарыхын жана «Манас» эпосун изилдөө үчүн маанилүү маалымдама мааниге ээ. Негизи мазмуну: Толтой кичинесинен эле боорукер, эр жүрөк жана жөнөкөй болгон, эч качан башкаларды кыйнабаган, же кимдир бирөөнүн жерин басып алган эмес, ал уруусунун тынчтыгын бузгандарды аяган эмес. Кидан башчысы Карезги, моңголдордун башчысы Контукчу жана шибердин Чакай байы кыргыздарды тоноп кеткенде, ал өжөрлүк менен күрөшүп, аларды талкалаган. Акырында Толтой кыргыздардын жедигер уруусунан башчысы Чынкожого алданып, Манастын уулу Семетей менен жолу эки тарапка бөлүнгөндө, Семетейдин жөөкөрү Гүлчоро тарабынан өлтүрүлгөн.

2. ДАСТАН

Кыргыз улутундагы дастан эпостордон кийинки экинчи элдик адабият болуп эсептелет. Ар бир дастанда толук окуя, бурулуштар жана жандуу каармандар бар.

Кыргыз дастандын мазмуну көбүнчө жашоого негизделген жана аларда сүйүү трагедиясы басымдуулук кылат. Фольклордон алынган баатырлар да бар, дастанчылардын айтуусуна ыңгайлуу болушу үчүн элдик уламыштарды жана аңгемелерди ыңгайлаштырып кайрадан жаратылган дастандар да бар. Дастандар эл арасында кеңири тараган: «Кулмырза», «Мамаке-Шопок», «Асан Кайгы», «Кызжибек жана Төлөгөн», «Саринжи-Бөкөй» ж.б.

«Жаныш-Байыш» – кыргыздын баатырдык дастаны. 1988-жылы Өмүр Мамбет айткан, Оргалча Кыдырбай тарабынан жазылган варианты кыргызча Шинжаң эл басмасы тарабынан басылып чыккан. Негизги мазмуну: Кыргыздын Алты шаар хандыгынын Карача ханы улгайган курагында балалуу болгон эмес, ал кудайдан тиленип жүрүп эгиз балалуу болот. Биринчи төрөлгөн уулу сары чачтуу болгондуктан, ага Жаныш деген ат берет, кийинки төрөлгөн уулу ак чачтуу болгондуктан, ага Байыш деп ат койгон. Бул эки бир тууган 13 жашка келгенде, алар күчтүү баатырларга айланган. Улгайган Карача хан эгиз бир туугандарга хан ордун өткөрүп берет. Жаныш менен Байыш өз элин жакшы көрүшүп, мыкты башкарышат, эл тынчтыкта жашайт. Бир күнү эки бир тууган тоого аңчылыкка чыгат, кийимдери бүтүн эмес, чарчап-чаалыккан эки кызды көрүшөт. Жаныш менен Байыш алар башынан эмне өткөргөндөрүн сураш үчүн токтоп калышат, эки кыз ыйлашып үн ката алышпайт. Көрсө, эгиз эже-сиңдилер Алты шаар хандыгынын асыл канбийкелери экен. Калмактар алардын жерине басып кирип, атасы Арзысай ханды өлтүрүшкөн. Калмак башчысы Сумрут эгиз эжесиңдилерди аялы катары алганды каалаган. Үйлөнүү тойдо Сумрут ушунчалык мас болуп, эсин жоготуп койгондо, эже-сиңди мүмкүнчүлүктөн пайдаланып качып кетишет, коркушуп, чарчашат, бара турган жери жок болуп, бул жерге келишкен. Эже-сиңдинин кайгысын уккандан кийин, Жаныш менен Байыш аларга боору ооруп сарайга алып келишет, Карача хан эгиз кызга жаңы ат берет. Эжесинин аты Күнчолпон, ал сары чачтуу Жанышка аял болот, ал эми сиңдиси Айчолпон, ак чачтуу Байышка аял болот. Алар бири -бирин сүйүп, бактылуу жашашат. Калмак башчысы Сумрут эже-сиңди Жаныш менен Байыш бир туугандарга турмушка чыкканын билгенден кийин, абдан ачууланып, эл алдында мындай дейт: «Ким Жаныш менен Байышты туткунга алса, ага боюна жараша алтын берем, жалгыз кызымды да берем»,– деп айтат. Жылмаян аттуу шаман Сумрут ханга мындай дейт: «Мага 9 жыл жана 90 күн бер, мен Жаныш менен Байышты алдап АлаКөлүнүн жээгине алып келем, туткунга алгандан кийин, аларды сага өткөрүп берем». Жылмаян кайырчы болуп кийинип Алты шаар хандыкка келет. Анын жакырланган абалын көрүп Жаныш менен Байыш боорукердик кылып, аны кабыл алып, кызматчы болууга уруксат беришет. Жылмаян тырышчаактык менен иштеп, бардык жерде кошомат кылып, кожоюнунун ырайымына ээ болуп, алардын ишенимине кирет. Тогуз жыл өттү, Жылмаян хан сарайда сүймөнчүккө ээ болот. Бир күнү Жылмаян Сумрут хан менен түзгөн амалы боюнча Жаныш менен Байышты алдап, Ала-Көлүнүн жээгине аңчылык кылуу үчүн алып келет, Жаныш менен Байыш көлдө жуунуп жаткан кезде, ал бардык куралдарын жашыруун түрдө алып кетет. Бул убакта калмактын миңдеген аскерлери тизилип, миңдеген жаалар атылат, аны коштоп жүргөн мергенчилер менен кызматчылардын баары атып өлтүрүлөт. Иниси Байышты тирүү кармап, Сумрут падыша аны көлдүн жанындагы 70 кулач тереңдиктеги зынданга камап салат; Жаныш башаламандыкта жаадан оор жаракат алып, качып кетип үңкүргө жашынып калат. Айыккандан кийин жоголгон бир тууганын издеп, мергенчи менен кызматчыларынын сөөктөрүн чогултуп, аларга мүрзө курат. Сумруттун жалгыз кызы Перикыз сулуу жана эр жүрөк баатырга ашык болот. Ал беш жыл издеп жүрүп, акыры Байыш камалган зынданды табат. Перикыз баатырды куткарып, анын курал-жарагын, атын атасынан уурдап чыгып кайтарып берет, Байыш баатыр менен качып кетет.

Жолдо Байыш байкеси мергенчилер менен кызматчылары үчүн курган мүрзөнү көрүп, Жаныш тирүү экенин билет. Ошентип Байыш кайырчы болуп кийинип, бир тууганын бардык жерден издеп жөнөйт. Акыры, эки бир тууган үңкүрдө кайра жолугушат. Перикыздын жардамы менен бир туугандар калмактын аскерин талкалашып, Жылмаян бакшыны тирүү кармап, түз эле Сумуруттун сарайына жөнөшөт. Сумурут хан абалы начар экенин көрүп, багынып, ырайым суроого аргасыз болот. Жаныш менен Байыш Сумрутту тактан түшүрүп, хан тактысына акылдуу вазир Кокуярды тандашат. Кокуяр хан кызы Нуркызды Жанышка аялдыкка берет, эки түгөйгө чоң той өткөрөт. Алар мекенине кайтышат. Кайтып келе жатып, алар сыртта жүргөндө Акжол менен Дарбаз биригип, бийликти басып алышканын билишет. Баатырлардын ата -энеси кулга айланып, айылдыктардын абалы аянычтуу эле. Бул эки баскынчы дагы баатырлардын аялдары Күнчолпон менен Айчолпонду алгысы келет. Үйлөнүү үлпөтүн белгилөө алдында турганда, Жаныш менен Байыш кайырчынын кейпин кийип, шаарга тымызын кирип келишип, үйлөнүү үлпөт тоюнда баскынчы Акжол менен Дарбазды өлтүрүп, такка кайра ээ болушуп, кул болгон элди бошотушат. Ата-энеси, аялдары менен кайрадан жолугушат. Бул дастан проза стилде да тараган, «Байыш менен Жаныш» деп аталат.

«Асан Кайгы» Шинжаңда кыргыздар жашаган аймактарда тараган. Элдик уламыштын негизинде жаралган. Асан Кайгы 15-кылымдын аягында жана 16-кылымдын башында жашаган тарыхый инсан. Анын кылган иштери дагы эле эл арасында оозеки түрдө таралып келет, анын ойлору жана көз караштары эбак эле кыргыздардын руханий маданиятынын маанилүү бир бөлүгү болуп калган. Бул дастан адам табиятын, сабырдуулукту, кайрымдуулукту, табият жана коомдук жашоого болгон түшүнүктү чагылдырган. Кыргыздар философиялык ойлордун өнүгүүсүндөгү айрыкча маанилүү учур болуп саналат. Кыргыз элдик адабиятын жана философиялык түшүнүктөрдү изилдөө үчүн маанилүү пайдаланма мааниге ээ.

«Саринжи-Бөкөй» – кыргыздын сүйүү дастандарынын бири. Негизги мазмуну: Саринжи менен Бөкөй кыргыздын бир ханынын эки уулу, байкеси Саринжи ак ниеттүү, боорукер, иниси Бөкөй эки жүздүү, арамза болгон. Атасы өлгөндөн кийин, иниси Бөкөй байкесинен такты талашып гана тим болбостон, анын сүйгөнү Акберметти да алгысы келет. Боорукер Саринжи бир тууганы бул иштерди жасаганына ишенбейт. Бирок чындык ачыкка чыккандан кийин, Саринжи ар кандай тоскоолдуктарды жеңип, колуктусу Акберметти бир тууганынын зынданынан куткарып, алар чоң той өткөрүшөт. Жакшылык акыры жамандыкты жеңип, сүйүшкөндөр акыры үйлөнүшөт.

«Кызжибек менен Төлөгөн» – кыргыз элинин жашоосу жөнүндөгү эң кеңири тараган дастан. Шинжаңда кыргыздар жашаган аймактарда тараган. Негизги мазумуну: Кыргыз уруусунун чоң байы Базарбайдын үч аялы жана тогуз уулу болгон деп айтылат, кийин тогуз уулдун баары өлүп, дагы алты аял алат. Эң кичүү аялы сексен жашында Төлөгөн аттуу уул төрөйт. Тогуз жыл өткөндө Сансызбай аттуу дагы бир уул төрөйт. Төлөгөн 12 жашында айланасындагы кыздардын бирин да жактырчу эмес. Бир ишкер Төлөгөнгө мындай дейт: «Мен сени бир кыз менен тааныштырам, Акжайык деген жер бар, ал жерде сулуу кыз бар». Төлөгөн уккандан кийин, жүгүн жыйнап, жолго чыгууга даяр болот. Казак хандыгына келгенде Төлөгөнгө Карчык деген киши келип: Мага жылкы берсең, сени Кызжибек деген сулуу кыз менен тааныштырам, деп айтат. Төлөгөн Кызжибекке бир көргөндө ашык болуп, анын атасынан колун сурайт. Кудалашуу аземи эки тарап тең макул болгондон кийин өтөт. Бул учурда, казактын Бекжаны жана башка алтымыштай жаштары Төлөгөндү өлтүрүүнү ойлонушат. Төлөгөн муну уккандан кийин өз мекенине качып кетүүнү каалайт. Ал жашыруун түрдө Карчыктан Кызжибекке кат жөнөтүүсүн суранып, аны келип жолугуусун суранат. Кызжибек качып кетүү үчүн мүмкүнчүлүк издеп, сүйүктүүсүнүн жанына келет. Кызжибек менен Төлөгөн аттуу эки каармандын ортосундагы таза сүйүүнү, улуттар, уруу-урук ортосундагы чыр-чатактарды чагылдырат. Дастан казактар арасында тараган ушул эле аталыштагы поэма менен белгилүү бир окшоштуктарга ээ, бирок кыргыздардын кайталангыс улуттук салттуу маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.

«Кулмырза» – трагедия менен аяктаган сүйүү дастаны. Жалпы мазмуну: бай малчынын кызы Аксаткын менен кедей малчы Кулмырза бири-бирин сүйүп калышат, бирок кедейлерди жактырбаган жана байларды жакшы көргөн бай малчы кызы Аксаткынды коңшу уруунун бай кары чабанына токол кылып берем дейт. Аксаткын андан көрө өлгөн артык деп, атасына каршы чыгат. Ошентип Аксаткындын атасы бай кары чабан менен тил табышып, Кулмырзаны тоого алдап барып, жашыруун өлтүрүшөт. Аксаткын Кулмырзанын өлтүрүлгөнү тууралуу кабарды укканда, эч нерсеге карабай тоого качып кетет. Ал  канга боёлуп жаткан  Кулмырзанын кийимдерин салмактуулук менен иретке келтирип, канжар менен өзүн сайып өлтүрүп, анын жанына жатып калат. Алардын аруу сүйүүсү элдин сезимине таасир берет, ашыктарды чогуу көмүшөт. Дастан мындайча аяктайт:

Эки мүрзөдө эки мырза терек өстү,

Эки теректин бутагы бири-бирине бекем чырмалып.

Эки мүрзөнүн астынан эки тунук булак агып чыкты, Эки булак кошулуп аккан сууга айланды. Теректе эки түгөй куш сайрап, Кош-кошу менен балык сууда сүздү.

Эй, Кулмурза менен Аксаткын,

Түбөлүккө бирге өмүр сүргүлө…

«Мамаке Шопок» – кыргыз элдик баатырдык дастан. Шинжаңда кыргыздар жашаган аймакта тараган. 18211850-ж.ж. Цин (Чиң) династиясынын мезгилинде жаралган, анда Памир бөксө тоолорунда жашаган бир тууган Мамаке менен Шопоктун турмуштун айынан армияга кетүүгө мажбур болгондугу айтылат. Алар билбестиктен улам Жааңгер кожонун армиясына кошулуп, анын сөздөрүнө алданышып, мекенди бөлүү жана күнөөсүздөрдү кыруу иштерине катышкан, Жааңгер кожонун куралына айланышкан. Кийинчерээк бир туугандар алданганын түшүнүшүп, өздөрүнүн башчысы Ысак бий менен биригишип, Цин (Чиң) армиясы менен кызматташып, Жааңгер кожонун козголоңчуларына каршы чабуул жасашып, мекенди кайра бириктирүү үчүн аскердик эрдиктерди жасашкан. Алар Жааңгер кожо жана британиялык баскынчылардын артынан кууп түшүп, бир туугандар жетекчиликти өз колуна алышып, эр жүрөктүк менен күрөшүшөт, акыры экөө тең өлкө үчүн жанын беришкен. Алар өз өмүрү менен мекенге болгон сүйүүнү чагылдырган баатырдык эпосту жаратышты. Бул кыргыз улутундагы тарыхый инсандарды изилдөө үчүн маалымдама мааниге ээ. Окуя төмөнкүчө:

Мамаке менен Шопок – Памирде жашаган кыргыз бир туугандар, ата-энеси экөө тең каза болуп, бала кезинен жетим калышкан. Аман калуу үчүн алар малчынын койлорун кайтарып, бир топ азап тартышкан. 19-кылымдын 20-жылдарында Коконго качкан уйгур Жааңгер кожо, британиялык колонизаторлордун колдоосу менен армия түзүп, кайрадан Шинжаңга кайтып келген. Башына ак селде орошуп, колуна «Куран» китебин кармашып, даават деген шылтоо астында калың элди алдап, күч менен Кашкар, Жаңсар, Жаркен, Маралбашы жана Ак-Суу сыяктуу алты шаарды басып алышкан. Жааңгер кожо чексиз ач көздүк мүнөзү менен Цин аскерлерин Шинжаңдан кууп чыгып, жоону айылга баштап, Шинжаңды британиялык колонизаторлорго бергиси келген. Жааңгер кожо Шинжаңга кол салуунун алгачкы күндөрүндө, кээ бир кыргыздар анын мекенди бөлүп-жарып жана улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылып жатканын жакшы түшүнүшпөй, Жааңгер кожого союл болуп берген. Мамаке эр жүрөк жана айыгышкан согуштан кайра тартпаган көкжал болгондуктан, Жааңгер кожо тарабынан башчы болуп дайындалган.

Анын бир тууганы Шопок ак ниет жана жөнөкөй болгон, ал чек араны кайтарууга жөнөтүлгөн. Алты шаарды ээлегенден кийин, Жааңгер кожо британиялыктар менен тил табышып, мекенди экиге бөлүп, Шинжаңды ээлеп алгысы келгени айдан ачык болуп калган, алардын элге кылган кылмыштары кыргыздарды ойготкон. Алар Жааңгер кожонун алты шаарды басып алуу үчүн кылган иштерине күбө болушкан.

Кыргыздар башына селде орогон кожолордун арасынан ак жуумал, кочкор тумшук, көздөрү көк келген чет элдиктерди байкашкан. Алар барган ар бир жерден кыз кишини тоноп кетишкен, алардын кылмышы кыргыздардын кыраакылыгын ойготкон.

Баатыр Мамаке алданганын түшүнүп, ал Жааңгер кожого каршы согушууга бел байлайт жана мекендештерине кайрылуу жасайт. Ал Цин армиясы менен биригип, Ак-Сууда турган Жааңгер кожого катуу чабуул жасайт. Мамаке жолборстой чамынып, «колуна союл, шыргый алып, душманды чөптөй сулатып, жол ачат». Жааңгер кожо жеңилип качып кетет, Мамаке болсо кыргыз армиясын жетектеп, артынан кууп жөнөйт. Жааңгер кожо тарабынан чек ара кайтарууга жиберилген Шопоктун да көзү ачылып, аскерлерине Жаангер кожого каршы турууга буйрук берет.

Көтөрүлүштү жетектеген Шопок иниси Мамаке менен биригип, чогуу Жааңгер кожонун артынан кууп жөнөшөт. Алар Жааңгер кожо жана анын аскерлерин Кара-Теке тоосундагы үңкүрдөн табышкан. Кууп келген аскерлердин келиши аларды чочутуп, үңкүрдөн биринин артынан бири чыгып, тоого карай качышат. Шопок артынан кууп жетип, бир нече качкынды өлтүрүп, өзү да ок жүрөгүнө тийип, канга боёлуп жатып калат. Иниси Мамаке жоону аралай чаап, Жааңгер кожонун аскерлерин тындым кылат. Ал Жааңгер кожонун артынан кууп бара жатканда, көк көздүү англичан тапанчасын алып чыгып, Мамакени төшүнө атып салат. Ок тийгенден кийин Мамаке катуу азапка чыдап, душмандын жакасынан кармап, экөө аскадан бирге кулап, терең коого түшүшөт. Мамакенин каны төгүлүп, сайдагы чөп кызыл түскө боёлот. Ошентип бир туугандар Шопок жана Мамаке Жааңгер кожо менен болгон күрөштө курман болушкан. Цин аскерлери Жааңгер кожонун аскерлерин колго түшүрөт, ал эми Жааңгер кожону кармап, Бээжинге алып барып камап, ошол жерде башы алынган. Мамаке менен Шопоктун эрдиктери бардык эл тарабынан мактоого алынып, ар тарапка жайылган.

4. САНЖЫРА

Санжыра-кыргыз элдик оозеки адабиятынын бир түрү, оозеки чыгармачылыктын маанилүү бөлүгү. Бул кыргыз элдин, уруу жана уруктардын келип чыгышын баяндайт. ыргактуу кара сөз менен айтылып, улуттун, уруунун түпкү тегин, бөлүнүшүн, өнүгүшүн, таралышын жана карымкатнашын, ар бир уруудагы атактуу адамдардын иштерин жана баатырлардын эрдигин, улуттун үрп-адаттарын чагылдырат. Андан тышкары, элдик ишенимдер жана укуктук адаты, улуттун салттуу байыркы жылнаамасы жана астрономиялык билими, кыргыздардын уламыштары камтылып, оозеки адабияттык ырахаты жана тарыхый чындыгы да бар болгон, өзгөчө ар тараптуу элдик оозеки чыгарма болуп эсептелет.

Санжыра оозеки түрүндө муундан-муунга таралып сакталып келген. Кыргыздын жазууну активдүү колдонбогон доордогу маанилүү тарыхый материалы гана эмес, элдик маданияттын жана адабияттын маанилүү тарыхый маалыматы. Байыркы убакта, ар бир уруунун өзүнүн туруктуу санжырасы жана санжыра жөнүндө сөз кылууга адистешкен элдик санжырачысы болгон. Ар кандай уруулардын санжырачылары уруунун санжырасын айтып, уруунун баатырларынын эрдигин же уруунун тарыхындагы башчылардын иштерин аздыр-көптүр баса белгилешип, уруусунун элдеги таасирин жана мартабасын жакшыртууга аракет кылып, белгилүү бир даражада жеке бир кишиге карата айтылган. Санжыра оозеки жашап келгендиктен жалпы элдин узак тарыхы жана көп сандаган элдик билимди бириктиргендиктен, анын мазмуну татаал жана бай келет. Бүтүндөй элдин санжырасын башынан аягына чейин айтуу үчүн бир нече күн-түндү талап кылган. Санжыраны баяндоо жана эпос айтуу кыргыздардын оозеки чыгармачылыгынын негизги эки түрү болгон, бүгүнкү күндө эл ичинде көптөгөн кесиби санжырачы болгон адамдар да бар.

Тарыхта көптөгөн атактуу санжырачылар болгон. 20-кылымдын белгилүү санжырачылары: Осмонаалы

Сыдык (1877-1940), Сулатаналы Борбодой (1902-1994), Үсөйүн Ажы Асаналы (1916-2004), Төлөк Төрөкан (1929-2018), Жусуп Мамай (1918-2014) ж.б. Осмонаалы

Сыдыктын «Мухтасар тарихи Кыргызиа» (ошондой эле «Кыргыз урууларынын тарыхы» деп аталат) деген эмгеги басылып чыккан. 1986-жылы ал эмгек Шинжаң улуттук байыркы адабият бөлүмү тарабынан ирээтке келтирилип, Шинжаң эл басмасы арап арибинде басып чыгарган. 1989-жылы Кыргызстанда кайра басылып чыккан. Султаналы Борбодойдун «Кыргыз календары», 1990-жылы Кызыл-Суу кыргыз басмасы тарабынан басылып чыккан, Үсөйүн Ажы Асаналынын «Кыргыз санжырасы» 1989жылы Кызыл-Суу кыргыз басмасы тарабынан басылып чыгарылган. Төлөк Төрөкандын «Кыргыз санжырасы» 1996-жылы Кызыл-Суу кыргыз басмасы басып чыгарган, Жусуп Мамайдын «Тилекматтын баяны» Кыргызстанда «Ала-Тоо» журналында 1990-жылы 9-10-сандарында жарыяланган. Оозеки салттуу адабияттын бир түрү катары, кыргыздын жашоосунда санжыра өтө маанилүү ролду ойногон, ал улуттук тарыхый маалыматтын жана элдик билимдин гана алып жүрүүчүсү эмес, ошондой эле элдик көңүл ачуунун негизги түрлөрүнүн бири. Санжыра атабабалардын тарыхый изин жеткирип гана тим болбостон, угуучуларга ата-бабалардын билимин, кубанычын жана руханий маданиятын да баяндайт. Санжыра жазуу жок доордо жаралгандыктан, «Манас» сыяктуу улуу эпостордун жаралышына жана өнүгүүсүнө да чоң таасирин тийгизген. Мисалы, эпостун башталышында манасчылар санжыранын рифмалык стилин колдонушкан. «Манас» эпосу залкар манасчы Жусуп Мамайдын айтымында мындай түрдө башталган:

Э…, э…, эй…

Уламадан уласак,

Улуулардан сурасак,

Мурунку өткөн чактарда,

Батыш, түндүк жактарда,

Энесай деген жер болгон,

Жери сонун кең болгон, Өзөнү токой чер болгон,

Төрлөрү тулаң күр болгон,

Энесай элин башкарган, Кал Мамай деген хан болгон.

Хан болгондо Мамайга, «Кал» дегени жойулуп, Хан Мамай деп ат конгон. Хан Мамай өзү эр экен, Айткан кеби эм экен.

Ошол кезде душманы,

Теңдешип аны жеңбеген, Энесайды хан Мамай, Эч душманга бербеген.

Хан Мамай ошол өлгөндө,

Хан Мамайдын жалгызы,

Бөдөнөнү бөпөлөп,

Хан көтөрүп алалы,

Бөдөнөнүн тукуму,

Бөйөн деген баланы, Туу көтөрүп хан койду, Бөйөн хан деп ат конду.

Бөйөн хандан Чайан хан,

Чайан хандан Кара хан,

Кара хандан уруктап,

Орозду баатыр тараган Орозду хандан Жакып хан, Андан кийин Кыркез хан.

5. УЛАМЫШ

Кыргыздын көптөгөн элдик уламыштары бар, алардын мазмуну жаратылышты, географияны, тарыхты, адамдын келип чыгышын, улуттун калыптанышын, адамдардын өндүрүшүн, үрп-адаттарын, тоолордун, суунун, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн пайда болушун жана башка бардык нерсени камтыйт.

Кыргыз элдик уламышы чоңдугу жагынан мифтик уламыш, жаратылыш жөнүндөгү уламыш, тарыхый уламыш жана этнонимдер боюнча уламыш деп бөлүнөт.

(1). Мифтик уламыш

Кыргыздар узак убакыт бою Эне-Сай дарыясынын жогорку агымындагы токойлордо жана жайлоодо жашаган. Узак жылдарда кыргыздардын ата-бабалары, ал жерде аңчылык жана көчмөн жайыт менен алектенишкен. Жыш токойлор, көптөгөн канаттуулар, жырткычтар, күн менен ай, сырдуу түстөргө толгон жылдыздуу асман кыргыздардын ата-бабаларынын бай элестетүүсүн жараткан, аларда ар кандай табигый кубулуштарга карата өзгөчө элестетүүсү жана түшүндүрмөлөрү болгон, алардын негизинде көптөгөн өзгөчө уламыштарды жаратышкан. Адамзаттын алгачкы ата-бабалары Адам жана Обо жөнүндө уламыштар эң кеңири таралган. Уламышта Теңири алгач жерди, андан кийин күндү, айды, жылдыздарды, тоолорду, дарыяларды, токойлорду, темир буюмдарды ж.б жараткан деп айтылат. Күндөрдүн биринде бул жерде сел жүрүп, чоң алааматка алып келген. Сел топурака оролуп, Сибирдеги кара таш үңкүрүнө кулап түшөт. Жай келип, күн суу чаян жылдызына өткөн кезде, куйкалаган күн нуру үңкүргө тийип топуракты ысытып, кургатып, кош бойлуу аялдын курсагына окшош кылат. Тогуз ай өткөндө, күн балык жылдызына оогон кезде, кош бойлуу аялдын курсагына окшогон топурактан адамдын биринчи атасы Адам төрөлгөн. Кыргыздан байыркы жыл эсебине ылайык Нооруз майрамы ушул күндөн башталган деп айтылат. Экинчи жылы, Теңири экинчи чоң суу ташкынын пайда кылат. Бул жолу да, күн бийкеч жылдызына өткөндө, кош бойлуу аялдын курсагындай болгон топурактан, адамдын биринчи энеси Обо төрөлөт. Бүгүнкү күндүн адамдары алардын урпактары деп айтылат. Мындан тышкары, кыргыздардын арасында адамзаттын алгачкы ата-бабалары Торугай менен Айче жубайлар жөнүндө да уламыш бар. Алар тыюу салынган жемишти жешкендиктен, Теңири бейиш багынан кууп чыккан. Мындан тышкары, кыргыздардын ар бир уруусунда уруунун келип чыгышы жана аталышы жөнүндө өзүнүн уламыштары бар. Кыргыздардын эң чоң уруу – кыпчак уруусу тууралуу мындай уламыш бар: Байыркы заманда Огуз хан болгон, ал моңгол, татар, кидан, журжут, батыш Ся жана Тибетти басып алгандан кийин, Инди океанынын жээгиндеги бир урууга келип, алар менен согушкан. Согушта Огуз хан жеңилген, анын бир кол башчысы да согушта каза болгон, Огуз хан жоокерлердин калдыктарын чогултуп обочо турган аралга качып кетет. Ошол учурда өлгөн генералдын аялы төрөй турган болгон, аба ырайы абдан суук болуп, душман да артынан кууп келе жаткандыктан, ал чоң дарактын тешигине жашынып уул төрөп, анан аралга кайтып келген. Огуз хан аялдын эрдигине жана берилгендигине суктанып, энеси менен баласын багууну чечип, балага «дарактын коңулу » дегенди билдирген Кыпчак деп ат койгон. Бала чоңойгондо атасы сыяктуу эр жүрөк жана зээндүү болгон. Огуз ханга Инди океанындагы урууну багындырышына жардам берип, көптөгөн душмандарды талкалаган. Акырында Огуз хан аны Каспий деңизинин ханы кылып дайындаган, бүгүнкү кыпчак уруусу анын тукуму деп айтылат.

(2). Жаратылыш жөнүндөгү уламыштар

Жаратылыш жөнүндөгү уламыштар кыргыз элдик уламышында салыштырмалуу чоң үлүштү түзөт жана мазмуну абдан бай, негизинен тоо, суу, жаныбар жана өсүмдүктөр, асман кубулуштары тууралуу уламыштарды камтыйт. Мындай уламыштар негизинен: «Зулайка учкан тоо уламышы», «Муз тоо ата уламышы», «Эже-сиңди тоо чокусу уламышы», «Булуң-Көл уламышы», «Топоз Кала уламышы» («Топоз бел»), «Алма булак уламышы» ж.б.

«Келин таш уламышы» – эң негизги табигый уламыштардын өкүлү болуп саналат. Окуянын кыскача мазмуну: Илгери- илгери Ой-Тоодо бир да чоң таш жок болчу, токой жыш болуп, кызыл карагай басып турган. Аттын кашкасынчалык да какыр көрүнбөйт, жерди жапайы гүлдөр, отоо чөптөр каптап, ар жерде жалбырактар, чөптөр баскан. Жер бетиндеги бейиш деп айтса дагы ашыкча болбойт. Бул жерде канаттуулар менен жырткычтардан башка эч нерсе жок болгон. 1000 жыл мурда, адам баласынын дүйнөсүндө дагы эле адилетсиздик болуп турган. Күчтүүлөр алсыздарды эч кандай тоскоолдуксуз кордоп, бай кедейди эзип, кулчулукка мажбурлап, малдай мамиле кылган. Кимде-ким ушундай теңсиз коомду сындаса, ал бутунан так тура албай, туулуп-өскөн жерин таштап, тентип жүргөнгө мажбур болгон. Ошол кезде түндүктөгү Иленин Көкжар деген жеринде караңгы коомдун кысымынан качып өз журтун таштап кетүүгө мажбур болгон Айыпбек деген жигит жашаш үчүн Кашкарга келип, чакан соодасатык менен алектенет. Айыпбектикиндей тагдырга туш болгон дагы бир Айтмат деген киши эзүүгө калганды каалабай, кичи мекенинен качып, адегенде Тибетке, андан кийин Кашкарга келет. Мындан тышкары, Ат-Башы Нарындын Мыкы сыяктуу жерлерден тентип жүрүп, акыры Кашкарга келген дагы бир адам болгон, анын аты Шамирек. Үч бозгун Кашкардагы конок үйдө жолугушуп, «көчүп-конгон кыргызым, көкүрөгү жалындайт» дегендей, алар бат эле ынак дос болуп калышат. Бир күнү алар сүйлөшүп отурганда Шамирек мындай дейт: «Биз баарыбыз кыргызбыз, тентип, жалгыз жашагандан көрө, бириккенибиз жакшы, ага-ини ынтымактуу болсо, жеген тамак таттуу болот эмеспи?» Шамиректин сөзүн уккандан кийин берки экөө макул болушат, бул үч адам Кашкарда чогуу жашоосун башташат. Бир жолу Кашкар хандын кызы ооруп калып, бүт доктурлар, молдолор, бакшылар чакырылат, бирок оорудан айыкпайт. Акыры хан кызын дарылоо үчүн атактуу бакшыны чакырат. Ооруну аныктагандан кийин бакшы мындай дейт: «Бул жерден түштүк-батышты көздөй үч күн, үч түн жүргөндөн кийин, тоо көрүнүп турат. Тоонун этегинде  булак суусу агып жатат. Тоонун этегине жылаңаяк басып барып, кумарага суу толтуруп, сууну бир да тамчы төкпөй, кумараны жерге тийгизбей, жолдо эс албай алынып келген сууну оорулуу адам ичсе, оорудан бат эле айыгып кетет». Бул сөздөрдү уккандан кийин Кашкар ханы дароо мындай жар салат: «Эгерде ким үч күндүн ичинде тоонун этегине жылаңаяк басып барып, тоодон агып жаткан булак суусун кумарага толтуруп, эс албастан алып келсе, кызымды айыктырса, анда ага кызымды аялдыкка берем, аны аймактын башчысы кылып дайындайм». Бул жарыядан кийин эч ким жооп берүүгө батынган жок. Үч достун арасында Шамиректин аялы жок эле, тынч отура албай, эки досуна: «Үч күн, үч түн эс албасам, бир кумара суу алып келсем, хандын кызын оорудан айыктырып, аны аялдыкка алып, аймак башчымы болсом, силер кандай деп ойлойсуңар?» Эки шериги тең макул болуп: «Эгер чындап ушул ишти жөндөп, хан кызынын оорусун айыктыра алсаң, бул биздин эң чоң бакытыбыз болот. Сенин мындай кайратың үчүн ырахмат, сага ак жол каалайбыз! Кудайым жар болсун, Манас атабыздын руху колдосун!», – деп айтышат. Ошентип, алар Мекке тарапка карай, колдорун көтөрүп, көз жашын төгүп, кудайга сыйынып, анан Шамиректи жолго узатышат. Шамирек адегенде Кашкар ханына тамак алуу үчүн барып, эки досун ханга аманат кылып, андан соң суу кумараны белине көтөрүп түштүк-батышты көздөй жылаңаяк басып жөнөйт, жолдо даана изи калат. Бакшы айткандай эле, Шамирек үч күн, үч түн тынбай жол басат, ачка болгондо бир аз шам-шум этип, акыры азыркы Кызыл-Суу булагына жетет. Шамирек ичинен ойлонот: «Бул бакшы айткан булактын суусу ушул жерде экен». Ошентип, ал эч ойлонбостон кумараны сууга толтуруп, кайра Кашкарды көздөй бет алат. Ой-дөң жолдо жылаңаяк басып, бутунун териси сыйрылып, бели да ийилип, көзү чекчейет. Өзү менен кошо ала келген тамактын баары жеп бүтүп, чарчап, акыркы деми калганда Кашкарга жетет. Суу кумараны ханга бергенден кийин, дароо эсин жоготот. Үч күн, үч түн уктагандай кийин ойгонот. Хандын кызы кумарадагы сууну ичип, тез эле айыгып кетет. Кубанган хан 30 күн оюн-зоок, 40 күн той өткөрүп, кызын Шамиреке берет, аны аймак башчы кылып, түштүк-батыш Кашкардын бийлигин берет. Шамирек аймак башчысы болуп, анын досу да хан сарайда кызмат кылат. Кашкарда бир канча убакыт башчы болуп иштегенден кийин, Шамирек ичинен ойлонот: «Бул жерде аба ырайы өтө ысык, бул жерди падыша борбор кылбай, тоого жакын, аркар, текеси, кайберендери бар жер таап, абасы жакшы болгон жаңы шаарды курушубуз керекпи? Ал жакта элди башкаруу туура го, Кашкарга булак суусун алып келүү үчүн чоң канал ачылса, көптөгөн адамдардын дартына даба боло алат эмеспи». Ошентип, ал өзүнүн ойлору жөнүндө хан менен сүйлөшүүгө келет. Хан аймак башчысы болгон күйөө баласына мындай дейт: «Бул сенин эркиң, каалаган жериңде башчы боло аласың. Бирок сен айткандай жакшы жер кайда?» Шамирек муну уккандан кийин: «Булак суусу агып чыккан тоонун этегинде, мен сууга барганда, ылдыйда кенен жайлоону көрдүм, тоонун боорунда кызыл тал бадалдары, кызыл талдын арасында аюу, жапайы эчкилер бар экен. Чыгыш тарабында чоң толкундуу дарыя (азыркы Гез дарыясы) тик тоонун артында жайыт бар, ичкен сууга Айдың булагы бар, алдында бээ байлап, кымыз ачытса болот. Ошондой эле сууну башка жакка буруш үчүн арыктарды казып, ээн талааларды ачып, эгин өстүрсө да болот»,- деп айтат. Хан Шамиректин айткандарына абдан ыраазы болуп, анын сунушуна дароо макул болот. Ошентип, көчүрүү башталат. Отуз төөгө боз үй, төшөнчү, он бир төөгө тамак байланып, кырк жигит ат минип жөнөшөт. Койчу кой айдап, жылкычы жылкыны айдап артынан жолго чыгышат. Шамирек жетектеген топ бир нече күн жол жүрүп отуруп, Айдың булагынын жанындагы жайлоого келип жайланышат. Айдың булактын тегерегине боз үй тигип, ылдый жагындагы дарыянын жана Айдың булагынын жээгинде жер иштерин башташып, сууну башка жакка буруш үчүн арык казып, эгин айдап, мал жайып, кымыз ичишип, бакубат жашоо өтүп жатты. Жылдан-жылга, айдан-айга алачыктар бийик, ажайып кооз болгон боз үйлөргө алмашты, бул жер белгилүү шаарга айланды. Өз мекенинде жашай албагандардын баары Шамирекке келип арызданышкан, ал аларга үй, жер бөлүп берет. Ошентип Шамирек атактуу болуп, эл аны «адилеттүү хан» деп аташат. Айдың булагынан жана чоң дарыядан келген сууну тосушуп, аң казышып эгин өстүрүшөт, натыйжада суу аңга топтолуп, Айдың көлүн пайда болот, акыры чоң ойдуңга айланат. Ал кезде Айдың көлдүн ылдыйкы агымында бир нече түтүн болсо, жогору жагында бир караганда чеги көрүнбөгөн шалбаа болгон. Калктын көбөйүшү жана малдын өсүшү менен суу жана жайыт жетишсиз болуп калат. Ошентип, Шамирек эки досу менен бирге Тоонун этегине канал казып, хандын кызынын оорусун дарылаган булак сууну алып кирүүнү сүйлөшүшөт. Ошентип алтымыш миң адам топтошуп канал казып, тоонун ашуусунун эки жагынан аккан булак Айдың булагына барып кошулуп, суу ашып ташат. Ошентип үчөө чогуу: «Суу менен жайыт аздык кылат окшойт, кой толбой, ары-бери чуркап жатат»,– деп талкуулашат. Шамирек мындай дейт: «Айтмат Кара-Суу булагын карап кел, Айыпбек ылдыйкы капчыгайга барса, а мен болсо ортоңку капчыгайды карап келейин. Биздин милдет, ал жерде жашай турган жер барбы, жайыт барбы, иче турган суу булагы бар жогун билип келүү». Бардыгы муну ишке ашырууга болот деп ойлоп, жоокерлери менен жолго чыгышат. Айтмат Кара-Сууга, Айыпбек төмөнкү капчыгайга, Шамирек ортоңку капчыгайга барат. Шамирек башкаларга караганда бир күн эрте кайтып келет, анын артынан Айыпбек келет, акыры Айтмат балдары менен Айдың булагында жайгашкан сарайга кайтып келишет. Шамирек эки досун чакырып алып: «Көргөнүңөрдү, билгениңерди айткыла!», – деп айтат. Айтмат адегенде: «Кара-Суу коктусунда жайлоо, суу булактары бар, тоо кыркалары, муздар бар экен. Жылкыларды жайганда, муздуу тоо табигый тосмо болот, ал жерде аттар чуркашып, суу иче алышат. Тоонун этегинде эгин айдаса болот. Бул жерде карагайлар, кызыл дарактар, ар кандай өсүмдүктөр бар. Ошондой эле мукамдуу добуш салган канаттуулар да көп. Бакчадай болгон жакшы жер экен». Андан кийин Айыпбек: «Мен барган капчыгайдын ортосу кызгылт-ак кир суу экен, жардын үстү жагында чоң таштар жаркырап, капталдары жумшак жашыл чөп, тоонун этегинде карагайлар, кызыл дарактар, чытырман бадалдар бар. Ошондой эле ар кайсы өрөөндөрдөн агып жаткан тунук тоо суусу жана дарыялар агат, бул мал бакканга ыңгайлуу. Улар менен жапайы эчкилерден башка эч нерсе жок экен»,- деп кеп салат. Эки достун айтуусун угуп, Шамирек сүйүнүп башын ийкейт. Ал ортоңку капчыгайдын абалына да токтолот: Биз барган ортоңку капчыгайдын күнөстүү, көлөкөлүү капталдарын карап көрдүк. Үстүндө түрдүү гүлдөр, отоо чөптөр жана карагайлар, кызыл бактар, тал-теректер жана башка дарактар өсөт экен. Күнөстүү капталдары чоң таштар, тоолор жана ар кандай жапайы мөмөлөр бар. Жайыттары жашыл, жаркыраган, ар кандай чөптөр жана өсүмдүктөргө толгон. Бирок суу булагы аз, төө, эчки, кой багуу үчүн ылайыктуу болгон жер». Анан үчөө өзүнчө үч капчыгайдын башчысы болууну макулдашат. Айтканын кылып, үй-бүлөсүн, жылкыларын алып келип, кой айдап, малчыларды чогултуп, жөнөп кетишет. Шамирек ортоңку капчыгайга, Айтмат Кара-Сууга, Айыпбек үстү тунук, ылдыйы кир суу аккан капчыгайга көчүшөт. Үч дос ар бир капчыгайдын башчысы болуп калышат. Шамирек башкаруу иштерин ортоңку капчыгайдан жүргүзөт, анын эки досу жылына бир жолу келип маалымат берип турушат. Кербенчилер үч капчыгайдын ортосуна ун, жем жана башка нерселерди ташыйт. Шамирек абалды билүү үчүн үч капчыгайга бат каттап турган. Бул үч капчыгайдын атын так аныктап, башаламандыкка жол бербөө үчүн, Шамирек аларга жаңы ат берет. Айгыр жайлоосун, тактап айтканда, хан сарайы жайгашкан тоонун артындагы Айдың булагынын тегерегин «Айгыр-Булагы»; Жайкысын шаркырап аккан толкундары бар дарыяны «Гез дарыясы»; Айдың көлүнүн айланасында жашаган бир нече түтүн айылды «Жулук-Башы»; Кара- Суу булагы бар капчыгайды Ой-Тоо; Тоо башындагы жылкы жайылган жайлоону Ат-Ойнок деп атайт. Шамиректин карамагындагы капчыгай «Суурлук», түндүк-батыштын төмөнкү агымында кир суу, үстүнкү агымында тунук суусу бар капчыгайды «АкТаш» деп атайт. Ошентип тоо астына эгин эгип, тоодо мал багып, бактылуу бакубат турмушту башташат. Алар боорукер, үй канаттууларын оңой менен урушпайт. Эртеден кечке «ордо» оюнун ойноп, майрамдык иш-чараларга катышып, кой союп, ат чабышып, ырдашып, калпакты кыйшайта кийип жайбаракат жашашат, каалаганын кылышат. Ой-Тоодогу Ат-Ойнокто Айтмат, Суурлукта Шамирек, Ак-Ташта Айыпбек жашайт, ал жерлерде алардын урпактары жашап отурукташкан жер болгон. Шамирек эки досу өздөрүнүн карамагындагы тоодо хан болуп калышат, алар Шамиректин менен атаандашат. Шамирекке анчалык баш ийбей калышат. Ал эми Шамирек жөн гана хан сарайдагы иштер менен алек болот, ал эми Суурлукту башкаруу иштеринин балдарынын колуна өткөн. Ар ким өз билген ишин кылган абал көп жылдарга чейин сакталып келет. Алардын ичинен Ат-Ойноктогу Айтмат тездик менен өнүгүп, эч кимге тең келе албайт, байлыгы да бир топ көбөйгөн. Мурда көзгө көрүнбөгөн Айтмат досу Шамиректей атактуу болуп, аны тоготпой, мурунку достокту да айтпай калат. Бул жерде адамдар айлакер болуп, эркектер башкалардын малын уурдап, алсыздарды кордоп, башка бирөөлөрдүн аялдарын ачык эле азгырышат. Аялдар сүт менен жуунуп, чачтарын сүт менен тарашып, беттерин күнгө күйгүзүүдөн коркушуп, сүт менен бетин жуушат. Кичиней балдардын заңын кийимдер менен сүртүп койгон учурлар да аз эмес. Үйлөнүү шарт болбой, акырындык менен нике шарттары да жокко чыгарылат, айбандарга окшош жүрүм-турумдар пайда болот. Кийинчерээк эл муну «жаман жорук» деп аташат. Ушундай чуулгандуу күндөрдө тоодон «Тез көч, сен көчсөң, мен да көчөм!» деген үн чыгат, үн үч күн шыңгырап турат. Бул үндү укканда аз сандагы адамдар көчүп кетишет, бирок көпчүлүк аны байкабайт. Үчүнчү күн келгенде тоолор менен тоолор, муз менен муз капыстан кагылышат. ОйТоонун айланасындагы Арпа-Ооз, Туура-Бөлүш, Түп үч муз чоку, Ат-Ойноктун айланасындагы Кычкыч, Авач, Ак-Жар үч тоо менен кагылышып, Ой-Тоодон учуп чыккан таш Ак-Жарга кулап түшөт. Ал эми бул тараптан учкан таштар Ала-Боз, Тура-Болуш, Түп муз чокуларына түшөт. Ошентип тоо менен тоонун кагылышы үч-төрт жылга созулуп, жер титиреп, жерде жарака кетип, жерден ысык суу чыгып, тынымсыз ташкын жүрөт. Суу ташка урунуп, таш аккан сууну тосуп, «Көл-Кууган» деген көлгө айланат. Ат-Ойнок мурда муздуу тоонун түбүндө болчу, бак-дарактарга, гүлгө толгон жер эле. Тоо кагылышуусунда чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп, бардык жагы таштар менен капталат. Учкан таштар адегенде ууруларды, жаман иштерди жасагандарды өлтүрүп, көп адам тирүү калбайт. Тоонун кагылышуусунан кийин аман калган эл күнөөсүн түшүнүп, өткөн шермендечиликти тазалоо үчүн бала төрөлгөндөн үч күндөн кийин сүннөткө отургузушат. Кыздар 8 жашта, балдар 12 жашта үйлөнүшүп той өткөрүшөт. Маркумдарга намаз окулуп, бир жыл толгондо жаназа иштери аткарылган. Ислам динине болгон ишеним да күч алат. Мүмкүнчүлүгү бар адам Меккеге ажылыкка барышы керек болгон. 5 жаштан жогору балдар мектепке барышат. Мечиттерди жана ибадатканаларды куруу да көнүмүш адатка айланат. «Жаман кылыктарды» жуугандан кийин, жамандык болбошу үчүн, Айтмат да өзүнүн тукумундагы бирөөнүн жаңы төрөлгөн кызына канаттуулардын тилин үйрөтөт. Кызга берген биринчи тамагы додо кушунун тили болгон. Кыз 12 жашка чыкканга чейин, аны үйдөн эч качан чыгарчу эмес, куштун үнүн да уккан эмес. Чоңойгондо бардык канаттуулардын үнүн угуп, анын натыйжасында кыз бирде ташка айланып, кайра адам кейпине келип, абдан акылдуу кызга айланат. Анын сулуулугунан улам эл аны Акдаркан сулуу деп аташат. Күндөрдүн биринде Акдаркан сулуу көлгө суу алып келгени барат, эс алып жатканда, капысынан додо кушу учуп келип: «Калмак каракчылары сени өлтүргөнү келе жатышат, тезирээк качып кет!», – деп айтат, куш тилин түшүнгөн Акдаркан сууну көтөрүп алып, үйүнө шашып жөнөйт, анан бардык кошуналарга кабар берүүгө шашылат. Ал куштун сөзүн түз айткан жок, бирок бардыгына кылдаттык түрдө: «Кечээ түнү мен түш көрдүм, түшүмдө кырсык жакындап калганын көрдүм. Калмактын каракчылары бизге кол салышып, ар кайсы жерде өлүктөр жатып, жерде кан агып жатат. Бул жерден тез качкыла, элим ойлонгула, аксакалдар мен түшүмдө көргөнүмдү айттым»,– дейт.

Кабарды уккан адамдар дароо кыймылдап башташат. Эркектер курал-жарак жана уу менен балта даярдап, үйдөгү бардык баалуу буюмдарды таштын түбүнө же бадалдын арасына катып коюшат. Айтматтын жетекчилиги астында айыл эли чогулуп, Айтмат мындай дейт: «Эркектер АтОйноктун астында баскынчы каракчылардын жолун тосушат, энелер кыздарды, келиндерди жетелеп Жулук-Башы тарапка жылышат, муздуу тоонун алдында душмандарды жок кылып, өзүңөрдү куткаргыла». Акдаркан аялдарды Жулук-Башынын чокусуна алып чыгып, алар коргонуу үчүн чоң таштардын астына жашынышат. Эркектер тоонун этегин кайтарып, душман менен салгылашуу үчүн ар тараптан келишип, көлгө топтолушат. Ушул маалда ылдый жактан жүздөгөн каракчылар келип, элдин көлөкөлөрү даана көрүнүп турат. Кээ бир малчылар көлдөн алысыраак Сарысандын этегинде жашашкан. Аларга кеч кабар бергендиктен, кээ бир аялдарды каракчылар мыкаачылык менен өлтүрүшөт. Ошентип, кээ бирөөлөр: «Сарысанда эркектер өлдү, аялдар гана калды, эмне кылабыз?»,– деген кабар таратышат. Калмак каардуу болуп, бир нече адам гана аман калган. Бирок Айтматтын тобу да кыйынчылыктарга туш болушат. Октор түгөнүп, душман менен таш менен күрөшүүгө туура келет. Акыры тамакаш, ок-дары да түгөнүп, Айтмат тобу оор абалда калып, кээ бир адамдар душмандын колуна түшүп калышат. Каргыш тийген каракчылар көлдү кечип өтүп, муздуу тоонун күнгөй тарабындагы ойдуңдарга жашынган аялдарды тирүүлөй кармоого аракет кылышат. Мунун баарын көргөн кыздар менен келиндер тоонун башына чыгышат. Таш менен дубал тургузуп, каракчылардын чуркап келе жатканын көрүп, таш менен ургулап, душмандын башын, буттарын сындырып, айрымдары майып болуп калышат. Мындай жол менен күрөшүү толгон душманды жеңе алган жок. Акдаркан баарын чогултуп: «Аллах, калмактарга аял болгондон көрө, баарыбызды чоң ташка айландыр!,деп айткандан кийин, көз ачып-жумгуча элдин баары ошол жерде ташка айланып, калмактын колуна эч ким түшпөйт. Ушул күнгө чейин баланы кучактап турган аялдын элесин берген «келин ташын» даана көрө алабыз. Акдаркан «келин ташка» айланышы тууралуу баян муундан муунга өтүп келет.

«Эже-сиңди тоо чокусу уламышы» – кыргыздар жашаган Ак-Тоо ооданындагы Коңур чокусу, Коңур-Төбө чокусу жана Музтаг-Ата (Музтоо-Ата) чокусунун пайда болгону тууралуу уламыш. Кыскача мазмуну: Кереметтүү жайлоодо эмгекчил, ак көңүл койчу жашайт. Аялы ага эгиз кыздарды төрөп бергенде, тилекке каршы бул дүйнө менен кош айтышат. Койчу эгиз кыздарды тарбиялоодо талыкпай эмгектенет. Эки кызы акылдуу, бирок алсыз жана оорушкандыктан, койчу абдан тынчсызданат. Күндөрдүн биринде ал түшүндө ак чачтуу перини көрөт, койчуга күн чыгышта касиеттүү тоодо күн-ай күзгү бар экенин айтып, күзгүгө көрүнсө, анын кыздары оорудан арылып, ден соолугу чың болорун айтат. Койчу ойгонгондон кийин, түшүндөгү перинин көрсөтмөсү боюнча, күзгүнү табуу үчүн күн чыгышка жөнөйт.

Койчу кеткенден кийин эки эже-сиңди күн сайын кой жайып, күн чыгыш тарапты карап, атасынын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүшөт. Жаз өтүп, кыш келип, гүлдөр ачылып, канча жыл өткөнүн ким билет, эже-сиңдинин чачтары сарсанаадан агарып, атасы дагы деле көзгө көрүнбөйт. Бара-бара эже-сиңди ак карлуу эки тоого айланат, бул ошол эже-сиңди тоо чокусу. Алардын ак чачы, тоонун чокусундагы аппак карга, беттериндеги көз жашы мөңгүлөргө айланат, кайтарган аппак койлор тизелеринин астына жайгашып, тоо кыркаларына айланат. Койчу бардык кыйынчылыктарды жеңип күн менен ай күзгүсүн алып келет. Бирок ак сакалдуу койчу кыздарынын жанына келип, алардын ак карлуу тоого айланганын көргөндө таң калып, колундагы күзгүсү жерге түшүп, эки бөлүккө бөлүнүп, эки көлгө айланат. Бул эже-сиңди көлү. Чал кызынын маңдайына акырын туруп, бийик муздуу тоого айланат, бул муздуу тоонун атасы Музтаг-Ата (Музтоо-Ата) чокусу.

Ошондон бери Памирде үч ак карлуу тоо бар: Музтаг-Ата (Музтоо-Ата) чокусу, Коңур чокусу, Коңур-Төбө чокусу, ал эми «Эже-сиңди тоо чокусу» уламышы кыргыз элинде муундан-муунга өтүп келет.

(3) Тарыхый уламыштар

Кыргыз уламыштарында көптөгөн тарыхый уламыштар да бар. Бул уламыштар негизинен тарыхый окуяларга, тарыхый инсандарга негизделген, ошондой эле коомдук үрп-адаттын келип чыгышы тууралуу уламыштар да бар. Алардын ичинен кыргыздардын келип чыгышы жөнүндөгү уламыштардын кеңири таасири бар. Мисалы: Кыр Угус, Кыр Огуз, Кырк Жүз, Кыр Кез уламыштары. Кыргыз улутунун келип чыгышы жөнүндөгү уламыш бул китептин биринчи бөлүмүндө кеңири баяндалган. Тарыхый уламыштарда кыргыздардын мекендин биримдигин коргоп, чет элдик баскынчылыкка каршы күрөшү жөнүндөгү уламыштар маанилүү орунду ээлейт. Негизинен кыргыз улутунун Жааңгер кожонун козголоңуна каршы уламыштарына: «Ысак бий уламышы», «Кыргызбашы уламышы» жана башкалар кирет. Кыргыз улутунун Якуб-Бектин баскынчыларынын каршы чыккан уламыштары: «Сыдык уламышы», «Кара-Жүл малчыларынын көтөрүлүшү» ж.б. Бул уламыштар жалпысынан жакынкы тарыхтагы кыргыз улуту мекендеген аймагындагы тарыхый инсандарга жана тарыхый окуяларга негизделген.

(4) Тиричилик уламыштары

«Ак калпак» уламышы Шинжаңдагы кыргыздар жашаган аймактарда тараган. Кыргыз улутунун баш кийими ак калпактын келип чыгышын баяндайт. Байыркы кыргыздар кара калпак кийишкен, ошондуктан Манас караңгы түндө душманга каршы согушуп, чоң жеңишке жеткени айтылат. Калмактар да кара калпак кийишкен, алар Манастын аскерине аралашып куугунтуктан кутулуп гана тим болбостон, арт жактан келип Манаска кол салышып, аны жеңип алышкан. Ошондон кийин, Манас калмактан айырмаланып туруш үчүн кара калпакты ак калпакка алмаштырган. Кийинчерээк ак калпак кыргыздардын баш кийимине айланган. Ал кыргыз кийимдеринин келип чыгышын изилдөө үчүн маалымдама мааниге ээ.

«Көк бөрү» уламышы Шинжаңдагы кыргыздар жашаган аймакта тараган. Кыргыз улутундагы көк бөрү салтынын келип чыгышы баяндалат. Б.з. 9-11 кылымдарында кыргыздын Манас баатыры 40 чорону жетектеп, душман менен салгылашып жатканда, душмандар ат үстүнөн эңүү ыкмасын колдонуп, мал-мүлкүн талап-тоношот. Аларга каршы кыргыздар үзөңгү боого басуу ыкмасын колдонушуп аскерлерди кырып, өлтүрүп, аялдарды жана балдарды талап-тоногонун байкайт. Манас 40 чоросун экиге бөлүп, улак тарттырып душман менен күрөшүүнү үйрөткөн. 40 күн-түн бою машыгып, акыры өнөрүн өркүндөтүп, душманды талкалап, мүлкүн кайтарып алышат. Согуштагы жеңишин жана Манастын тапкычтыгын эскерүү үчүн эл акырындык менен аскердик машыгуунун ыкмасын, көк бөрү оюнуна айландырган. Бул уламыш кыргыз улутунун салттуу спорттук иш-аракетинен келип чыгышын изилдөө үчүн белгилүү бир маалымдама мааниге ээ.

6. ЭЛДИК ЫРЛАР

Кыргыз улутунда эпосторду жана дастандарды көбүнчө манасчылар, дастанчылар айтышат, ал эми кыргыздардын аял-эркек экенине карабай, бардыгы жарата алган жана ырдай ала турган элдик ырлар, элдик адабияттын бир түрү болуп саналат. Кыргыздар оозунан арашандап ыр төгүлгөн, тамашакөй, сезимге бай келишет. Кыргызда эл ичинде  элдик ырлар эң кеңири мазмунга ээ. Элдик ырларды негизинен кыргыз улутунун эмгек өндүрүшүнүн ырлары, турмуштук каада-салт ырлары, коомдук көрүнүштөрдүн ырлары түзөт деп айтууга болот. Элдик ырлар кыргыз элинин турмушунун бардык тармактарын камтыйт, кыргыздардын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки өмүрүн чагылдырат.

Кыргыз тилинде элдик ырлар жалпысынан «ыр» деп аталат, бул кыргыз улутунун поэтикалык стилдеги оозеки чыгармачылыктын эң байыркы түрү. Элдик ырлардын көбүндө өзгөчө кайрыгы, обону, тексти болот, кээ бир элдик ырларда туруктуу кайрыгы, обону бар, бирок тексти белгилүү бир деңгээлде өзгөрө турган элдик ырлар да бар, ырчылар тарабынан салттуу структуранын алкагында салттык обондорго, ыргактарга таянып жаратышат. Импро визациялоо аркылуу аткаруу учурунда да жаратышат. Ыр – кыргыз улутунун ыргактуу, ритмдүү, ачык-айкын, өзгөрүлмө кайрыктар менен коштолгон элдик ыр формасы. Мындай элдик ырдан тышкары, салыштырмалуу туруктуу кайрыгы, жай жана туруктуу ритмге ээ болгон көркөм стилдеги бата ыры жана каргыш ыры бар. Бул эки түрү кыйла олуттуу жана салтанаттуу кырдаалда аткарылат. Кыргыз элдик ырлардын ыр сабы көбүнчө 7 же 8 муундан турат, бул кыргыздын элдик ырларынын өзгөчөлүгү. Мындай муун ырчыларга ырдоого, эстеп калууга ыңгайлуу, көрүүчүлөр арасында жайылышына да ыңгайлуу, 11 муундук элдик ырлар да бар. Кыргыздын элдик ырлары эркин түзүлүшкө, бай ыргактарга, татаал рифмалык формаларга ээ. Байыркы элдик ырлардын көлөмдүк жагынан чек жок болгондуктан, ырчылардын оозеки аткарууларында жана чыгармачылык мейкиндигинде салыштырмалуу эркиндик бар, ырчылар өздөрүнүн чыгармачылык талантын ээн-эркин көрсөтө алышат. Көптөгөн ырлар негизинен стандарттык форматка ээ, обонго салынып ырдалат, сөздөрүн өзгөртүүгө болот. Мындай элдик ырлар көбүнчө 4 сап бир сабак, ар бир сабагынын 1–2–4 саптары уйкашат. Саптардын башкача уйкашы да бар, мисалы, 1–2 саптын уйкашы менен 3–4 саптын уйкашы кош уйкаштуу, ал эми 1–3 саптын уйкашы менен 2–4 саптын уйкашы кайчылаш уйкаштуу келет, байыркы ырлар башкы уйкаштык сыяктуу бир нече уйкаштыгы да бар. Кыргыздын элдик ырларын ыргагы шайкеш, эркин, уйкашкан сөздөрдүн орундарына карай башкы уйкаштык, ички уйкаштык, аяккы уйкаштык деп бөлүүгө болот.

Ошол ырларды жаратып ырга айланткан, көптөгөн элдик ырларды көп ырдай алгандарды «ырчы» деп аташат. Ырчылар-кыргыздын элдик ырларын жаратуучулары, жайылтуучулары гана эмес, элдик ырлардын сактоочулары да болуп саналат. Ырчынын оозу аркылуу көптөгөн мыкты элдик ырлар сакталып, муундан муунга өтүп келет. Импровизациялоо жөндөмү элдик ырларды кереметтүү кылып, кыргыз элинин турмушунун бардык жактарын камтып, ырлардын чалкыган деңизин түзөт. Ар бир кыргыз ырдай алат жана жамактай алат. Кең жайлоодо, түтүн булаган боз үйдө, жайкалган буудай талаасында, айлуу түндө короо кайтарган кезде… ырдаган мукам үндү уга алабыз. Дастанга салыштырмалуу кыргыздын элдик ырлары түзүлүшү жагынан кыскараак, салыштырмалуу эркин, бирок анын саны көп жана бай мазмунга ээ. Бул элдик ырлар кыргыз элинин турмушунун дээрлик бардык жактарын камтып, эмгекчи элдин өзгөчөлүктөрүн, каалоолорун, умтулууларын чагылдырат. Алардын ички сезимдери, ар кандай нерселерге болгон таанымы ыр саптары аркылуу айтылып, ыр аркылуу өздөрүнүн сүйүүсүн билдирип, айланасындагы адамдарды жана кийинки муундарды тарбиялайт.

Кыргыздын элдик ырлары – улуттук оозеки чыгармачылыктан көп жылдар бою топтолуп келген, ошондуктан анын өзүнчө өнүгүү мыйзамдары, категориялык өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздын элдик ырлары негизинен бакшылык ырлар, өлөң ырлар, эмгек ырлары, ырым ырлары, сүйүү ырлары, турмуштук ырлар, айбанат ырлары, салт ырлар, тарыхый уламыш ырлар, доо ырлар, оюн ырлары, балдар ырлары, акын-айтыш ырлары ж.б. Азыркы учурда көптөгөн байыркы ырлар өзүнүн алгачкы ырдоо ыкмасын жоготуп, элдик сахнадан жок болуп, акырындык менен унутулуп жаңы элдик ырлар жарала баштаган. Муну алгачкы диний ишенимдер менен байланышы бар ырлардан байкасак болот, мисалы: «Бадик», «Арбашуу» жана башка сыяктуу элдик ырларды азыр эч ким ырдай албайт.

Аткаруу жагынан кыргыздын элдик ырлары негизинен ырчы угуучуларга карай бетме-бет абалда ырын аткарат, бирок эки же андан көп адамдардын алым-сабак   ырдоосу, элдик ырлардын байыркы түрү болуп саналат. Анын узак тарыхы бар жана угуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ. Алым-сабак ырдоо – ырым-жырымдык алым-сабак жана кыргыз улутундагы акындар айтыш болуп экиге бөлүнөт. «Бекбекей» сыяктуу көптөгөн байыркы элдик ырлар кезеги менен аткаруучулардын алым-сабагында жаралган. Ырым-жырымдык алым-сабак – негизинен эки бакшы шыпаа муктаждыгы үчүн аткарылган «Бадик алым-сабак». Ырчынын тил жөндөмүн көрсөтүү, улан-кыздардын тилегине карата аткарылган «кайым», «сармерден» сыяктуу алым-сабак ырлары кирет. Бул элдик ырлардын айрымдары бир сахнада аял-эркектин айтышып ырдашы болсо, кээ бирлери бакшылардын жана адамдардын элдик оозеки чыгармачылык таланттарын чагылдырат. Акын айтышы негизинен өтө татаал жана философиялык «Алым-сабак»; Табышмак-атаандаштын акылмандыгын, божомолдоочу табиятын талап кылат; Кордоо – талаштартыштуу жана шылдың кылуу мүнөздөө; Мактоо сыяктуу ырлар жана эки адам жолугуп учурашуу айтышы да бар. Айтыштын жогорудагы эки түрүнүн келип чыгышы, аткаруучулук мазмуну жана табияты, максаты, коомдук милдеттери ар башка болгону менен, кээ бир учурларда алар көбүнчө аткаруучулар тарабынан айкалышып, бирибирине шайкеш келет. Өндүрүш жана өнүгүү жагынан караганда, акын айтышы кыргыз улутунун түрдүү элдик үрп-адаттары менен айкалышкан деп айтууга болот. Ал коомдук турмушту кеңири чагылдырат. Элдик оозеки чыгармачылыктын кайра-кайра аткаруусунда өнүгүп, жогорку деңгээлге жеткен.

Кыргыз элдик ырларынын ичинен «Өлөң» деген өзгөчө түрү бар. Шинжаңдагы кыргыздар жашаган түштүк тарабында тараган. «Өлөңдүн» ар бир сабы 11 муундан куралып, өзүнө гана тиешелүү ритмикалык эрежелери, мазмуну бар. Элдик ырдын бул түрү негизинен чоң тойлордо, мааракелерде, салтанаттарда, чогулуштарда, эки киши ат үстүндө чогуу ырдайт. Мазмуну үй-бүлөнүн шартын, коомдун өзгөрүшүн, дүйнөдө болуп жаткан ар кандай адилетсиздикти, сүйүү трагедиясын, үйлөнүү үлпөттөрүнүн түрдүү абалын жана үйлөнүү тойдогу кырдаалды, кыздын себин ж.б. камтыйт, тойго келген эл импровизациялык ыкмаларды колдонуп аткарышат. Учурда Памирде «өлөңдү» ырдаган «өлөңчүлөр» көп. Анын мазмуну өтө бай келет, өлөң ырлар күчтүү көркөмдүгү жана тарыхыймаданий мурасы менен кыргыз элдик маданияттын жана адабияттын мазмунун байытып турат. 2008-жылы өлөң Кытайдын улуттук материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Бул кыргыз улутунун элдик адабиятында «Манас» баатырдык эпосунан кийин улуттук материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген элдик адабияттын экинчи түрү, Кытайдын мамлекеттик деңгээлдеги бөлүмдөрү тарабынан көңүл бурулуп, коргоого алынган. Бул анын кыргыз элиндеги ордун көрсөтөт. «Өлөң» – кыргыз улутунун элдик ырларынын байыркы жанры, анын мазмуну жана формасы байыркы болгону менен ага көптөн бери көңүл бурулбай келет, изилдөөлөр аз. «Өлөң ыры» – памирлик кыргыздарда үйлөнүү тоюна арналган ыр түрүндө сакталып калганы менен, мурда бир топ түргө бөлүнүшү мүмкүн. Учурда белгилүү болгондор: «Той баштар өлөң», «Кайым өлөң» (айтыш өлөң), «Алым-сабак өлөң» (суроо-жооп түрүндө), «Санат өлөң» (боорукердикке үндөгөн), «Дүрө» (үлпөт ыры), «Кордоо» (сатиралык), «Табышмак» ж.б. Памир чөлкөмүндө «Дүрө» ыры кыргыздардын үйлөнүү тоюндагы негизги оюн, жигиттер менен кыздар, күйөөнүн жолдошу менен жеңелер бири-бирин сынап, айтыш айтышып, оозеки чеберчиликтерин көрсөтөт.

«Кайым өлөң» – эки тарап кайым айтыш аркылуу өз таланттарын, артыкчылыктарын баса көрсөтүүгө аракет кылат, жеңүү үчүн ар биринин сөзүнөн кемчилик таап, ага карата жооп кайтарганга аракет кылышат. «Алым-сабак өлөң» – белгилүү бир мазмуну жана теманын тегерегинде жүргүзүлөт, кыз-жигиттердин салыштырмалуу маданий деңгээлдеги айтыш аткаруусу. «Апыртылган өлөң» («Калп ыры») – адабияттагы «Кырк калп» аткаруусуна окшош, метафора, апыртуулар арбын колдонулуп, негизги максаты өзүн-өзү мактап, көрүүчүлөрдү күлдүрүү. Мисалы: «Чымчыктын баш сөөгү менен тамеки тарттым, чычкан жүнүнөн байламта бурдум». «Табышмак ыры» – башка табышмак ырларга окшош, табияттагы ар кандай өзгөрүүлөр, канаттуулар менен айбанаттар, коомдук окуялар сыяктуу мазмундагы табышмактарды айтышат, суроожооп түрдө айтылат.

Кыргыз элдик айтышуу – акын-импровизатор жана чечендик жөндөмү бар өнөрпоздор өнөрдүн бийик чегин көрсөтүп айтышып таланттарын сынашат. Ал негизинен эки түргө бөлүнөт: элдик салттык айтыш жана акын айтыш. Элдик салттык айтышка – бадик, кайым, сармерден жана аял-эркек айтышы кирет. Ал эми акын айтышына – аалым сабак айтышы, табышмак айтышы, кордоо айтышы, учурашуу айтышы ж.б кирет. Айтыштын бул түрлөрүнүн ортосунда эч кандай чек жок, көбүнчө бир түрүндө башка түрдүн айкалышын да көрүүгө болот. Кыргыздын айтышы адамдар чечендикти өнүктүрүп, ыр саптарын уйкаштырып айтуу жөндөмүнүн негизинде пайда болгон.

Урук-уруулардын доорунда айтыш түрү өзгөчө жакшы өнүккөн. Уруу башчылары акындардын чоң жыйындарда же мааракелерде ырдап чыгышын ар дайым уюштуруп турган, акындар жыйынга кубаныч тартуулашкан. Уруулардын ортосундагы чыр-чатактар күчөгөн сайын акындыктын мазмуну да өзгөргөн. Адегенде эки акын ырдоо менен берилген суроого кайым айтыш түрдө жооп беришкен, кийин уруу башчыларынын, кадыр-баркын кылык-жоруктарын мактап, башка уруунун кемчиликтерин ашкерелеп, кемсинтүү максатына жетүү үчүн ырдашкан. Кээде кээ бир сырдуу нерселерди же диний осуяттарды да түшүндүрүшкөн. Азыркы заманда айрым таланттуу эл артисттери коомдогу ар кандай жаңы нерселерди, алдыңкы ойлорду өз айтуусуна кошуп чагылдырган, ырдоо мазмунунда оюн-зоокту баса белгилеп, айтышты кызыктуу кылып, ынанымдуу тарбиялоо да көңүл буруп, коомдун өнүгүшүнүн талабына ылайык айтышып келет.

Бүбү-бакшы ырлары – кыргыз элдик ырлардын эң байыркы түрү. Байыркы шаманизм менен тыгыз байланышы бар. Кыргыз бакшылары ооруну дарылоодо негизинен «Арбашуу» жана «Бадик» бакшы ырларын ырдашкан. «Арбашуу» – кимдир бирөөнү уулуу жылан, уулуу жөргөмүш ж.б.у.с. чакканда жана ууланганда, бакшы ууланган адамдагы ууну жок кылуу жана кадимки абалына кайтуу үчүн сырдуу бакшы ырын ырдаган. Бакшы ырдаган арбашуу ырдын мазмуну:

Чакчурсуң,

Алты атаңда доом бар, Өлүшөмүн бери чык!

Арбашамын бери чык! Баптарыңды чыгар, Балжыратамын.

«Бадик» ырын ырдоо дагы ооруларды айыктыруунун жолу болгон. Адам чечек же башка оорулар менен ооруганда, бакшы бейтапты жаткырып, андан соң эки бакшы эки ээрге минип, оорулуунун жанына артка карап отуруп,

«Бадик» ырын ырдай баштайт. Кыргыздар бул оорунун ээси «Бадик» деп эсептешет. «Бадик» ырын ырдоо менен ооруну оорулуудан айыктырып, ооруну башка нерселерге өткөрүшкөн. «Бадик» ырынын обону жана сөзү туруктуу, кээ бир жерлерде сөзү да өзгөрүп турат. Мисалы, мындай деген «Бадик» ыры бар:

Мен бир дарым айтайын, бадик баштап, Жакшыны айтып, жаманды жолго таштап, Ушул турган адамга эми консун.

Мен төмөндөн келгенде билип келдим, Кыл моюндуу сары атты минип келдим. Бадик экен атыңды билип келдим.

Көч бадик, көч бадик, кайларга көч, Жылкы ичинде мөңкүгөн тайларга көч. Көч бадик, көч бадик, каймалга көч, Өз алдынча ойногон маймылга көч. Көч бадик, көч бадик, айбанга көч, Өз алдынча ойногон шайтанга көч.

……

Кыргыздар улуттун калыптануу жана өнүгүү мезгилинде көчмөндүк, аңчылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк жана башка өндүрүштүн жүрүшүн башынан өткөргөн. Демек, алар ырдаган эмгек ырлары өндүрүш эмгектерине өтө тыгыз байланышы бар. Мазмуну тарыхый мезгилдеги кыргыз элинин өндүрүштүк жана эмгек шарттарын чагылдырат. «Эмгек адамды жаратат» дегендей эмгекчи элдин өндүрүштүк тажрыйбасын чагылдырат, эмгек ырларында анын келип чыгышын байыркы доордон баштап баяндап бере алган. Кыргыз улутунун эмгек өндүрүшүн чагылдырып, өндүрүш тажрыйбасын жалпылап, эмгек өндүрүшүндөгү түрдүү ыкмаларды ыр аркылуу чагылдырышкан. Байыркы мергенчилик ырлары мергенчилердин аңчылыкка чейинки жана андан кийинки татаал сезимин сүрөттөйт.

Мергендин тилеги: Кайберен ата чеберим, Сыйынамын мен сага. Менин жолум кайыптан, Алла Таала буюрган.

Күндөп-түндөп көп басам, Буюрбассың айыпка.

Каргашалап жанымды, Тоо-ташыңдан тайгылтпа.

Куру кол бекер келбейин, Кайберен аткан айыбыма.

Аркар-кулжа аралаш,

Алдыма тушташ аралаш Кайберен атам, чеберим,

Ырыскым колго бере көр.

..Кыргыздар муундан-муунга негизинен көчмөн калк болуп, негизинен аңчылык жана башкалар менен алектенишкен, кыргыз элдик ырлардын ичинен мал чарбасындагы эмгекти чагылдырган элдик ырлар эң көп. Бул элдик ырларда негизинен малчылардын көчмөн мал чарбачылыгы, мал төлдөтүү, жүн кыркуу, саан жана башка мал чарба өндүрүшүнүн эмгектерине байланыштуу иштери сүрөттөлөт. Алардын ичинен кыргыздын дээрлик бардык урууларына тараган «Бекбекей», «Шырылдаң», «Койчунун ыры», «Төө кайтаруу ыры» ж.б. Бул элдик ырлар белгилүү бир обонго ылайык ырдалат, бирок ар түрдүү варианттагы тексти бар. «Бекбекей» – кыз-келиндер жаз, жай мезгилинде короого от жагышып, кой кайтаруу үчүн жанына жыгач таяк алышып, карышкырлар тийбеши үчүн жана узун түндү кыскартуу үчүн түнү бою ырдашкан. Ырдаганда негизинен хор баштоочу, алым-сабак, хор ж.б. түрдө болгон, обондуу үн түнкү асмандын бардык тарабына тараган:

Бекбекейди мен айттым, Бүгүн короо кайтардым.

Бекбекей, эй!

Укуругум долоно, Ууру-бөрү жолобо!

Төбөгө чаап айдайбыз.

Түндү түндөй чуркаган, Түлкүнүн буту сөгүлсүн.

Түн уйкуну үч бөлгөн,

Көк чунак каны төгүлсүн. Кыз-келин короо кайтарган, Илгертен калган салт ошол. Биздин иттер кабааган, Өөдө-ылдый чабааган.

Ууру келсе кармайбыз, Уй кептентип байлайбыз. Ала байталтак теке, Айкалышкан бекбекей.

Кула байталтак теке, Куюлушкан бекбекей.

Бүгүн короо күзөттүм,

Калайдан жүгөн тайдыкы,

Кайтарган коюм байдыкы

Күмүштөн жүгөн тайдыкы, Күзөткөн коюм байдыкы. Кайтарган короом сак болгой, Эртең бетим ак болгой.

Бекбекей… уу … уу… Бекбекей…

Кыргыз элдик ырларында мал чарбачылыгына арналган мындай ырлардан тышкары, уй, жылкы, кой, төө жөнүндө ырлар көп кездешет. Бул элдик ырлар малдын өзгөчөлүгүн жана колдонулушун ачык сүрөттөп, малдын кыргыз элинин өндүрүшүндө жана турмуш-тиричилигинде маанисин жана малчылардын малга болгон терең сезимдерин да чагылдырат. Мисалы: «Жылкыны даңктоо» минтип ырдалат:

Камбар ата жаныбар, Жылкы малдын асылы. Күлүк чыкса кокустан, Саякатчыдан насили. Жесе канттай ширелүү, Казы менен картасы.

Минип жүрсөк өзгөчө, Жаныбардын басышы.

Мандырадай кызартат,

Көрөңгөлүү кымызы.

Байгесине тундурат, Күлүгүнүн зыйнаты.

Жылкы деген жаныбар, Шамалдан бүткөн жайы бар. Туягын ташка билеген Таманы жерге тийбеген. Чакмак этин толтурса,

Тим турууну билбеген. Жылкы малдын санаты, Адамзаттын канаты. Камыш кулак, кулжа сан, Сымбатын анын карачы.

Уй жөнүндө:

Сүтү таттуу ичкенге,

Жайы-кышы кайыбайт.

Ар канча семиз болсо да, Согумга сойгон кишиси, Сорпосуна жарыбайт.

Чыгарганча тоңголок, Баарысынан майын айт. Өзүнөн пул териси, Издесең оңой табылбайт. Базарга салсаң жетелеп, Пулуна ээси маарыбайт. Жашы отуз чыкканча, Инектери карыбайт. Букасын минсең бултулдап, Жүргөн жолу арбыбайт. Куйругун булгап шыйпактап, Эртеден-кечке талыбайт.

Туягы кетет шыкылдап,

Айылга жакын барганда, Желе жүрөт шыпылдап.

«Койдун козусуна айтканы»

Кой сүйүптүр козусун, коңурум деп,  Эч нерсени билбеген момунум деп.  Өзүң кичүү болсоң боюң пас,  Малдан чыккан сонунум деп.  Сүткө тоюп алганда,  Так секирип жүгүрөт.  Короодо жатсам жанбаштап,  Үстүмдөн аттай түйүлөт.  Карды ачса уктабай,  Такымымдан түрткүлөйт.  Ысык күнү оттобой,  Көлөкөгө үйүлөт.

Күн жааганда тоготбой,  Башын салып үргүлөйт.

Жүнүң жибек козумсуң,

Үч ай  болду торолдуң,

Санга бүгүн кошулдуң.

Этиң ширин баламсың,

Ээңе инсап бербесе,

Айлаңды кандай табамын?

Байкап жүрчү серейбей,

Адамдар көрүп калбасын,

Оо арманым, арманым,

Так секирип ойногун,

Өлбөс болуп калбадың,  Оо арманым, арманым,

Эми кандай кылармын.

Кыргыз улутунун көчмөн турмушуна тиешелүү болгон мал мал чарба өндүрүмдөрүн бышыктоо, саймачылык, токуучулук сыяктуу элдик ырлар да эмгек ырынын бир топ бөлүгүн түзөт. Мисалы, «тон тигүү», «кийиз жасоо», «килем токуу», «сайма сайуу» сыяктуу кол менен жасалган буюмдарды жасоодо ырдалган ырлар, алардын эмгекчилдигин, кубанычын чагылдырат. Айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү эмгек ырларына «Оп майда», «Эгин оргондо» ж.б. Мисалы, «Оп майда» мындай ырдалган:

Майда-майда, мапмайда, Майдалансын, атты айда.

Кызыл толгон кырманды,

Майда-майда оп майда, Орой-орой оп майда, Ороо толсун оп майда.

Майда-майда, мапмайда,

Майдалансын, атты айда.

Майда бассаң жаныбызга пайда. Талкандары бизге пайда, Топондору сизге пайда. Кар алдына калбасын,

Эртелеп баарын майдала…

Каада-салт ырлары-кыргыздардын кайталангыс турмушун жана үрп-адатын чагылдырат, ошондой эле кыргыздын өткөн үрп-адаттарын чагылдырган түркүн түстүү сүрөт түрмөгү болуп саналат. Төрөлгөндөн, өмүрү өткөнчө жашоосу ырлар менен коштолот. Бала төрөлгөндө «ат коюу» жана «бешик ыры», үйлөнүү үчүн «үйлөнүү ыры», мейман тосууда «конок тосуу ыры» жана «конок узатуу ыры», насаат ырлары, «оюн ырлары», өлгөндөргө «кошок» ж.б. сыяктуу ырлар бар. Айрыкча «үйлөнүү ырынын» түрлөрү көп жана мазмуну бай келет. Кыз узатуудан баштап, кызжигиттин үйлөнүү бөлмөсүнө киргенине чейин, тойдун ар бири кадамы ыр менен коштолуп, тойго чексиз ырахат тартууланат. «Үйлөнүү ыры», «жолугушуу ыры», «кыз узатуу», «келин алуу ыры», «бакыт калоо ыры», «бата ыры», «келин көрүү ыры» ж.б.у.с. Мисалы, кыргыздар үйлөнүү үлпөтүнө, акыркы сапарга узатуу зыйнаттарына гана маани бербестен, жаңы төрөлгөн баланын төрөлүшүнө да чоң маани беришет. Бала төрөлгөндөн кийин балага ат коюлушу керек, ат коюу жөрөлгөсү кыргыздарда чоң окуя болуп саналат. Илгери ата-энелер уруунун кадырлуу аксакалдарын боз үйгө чакырып, ымыркайга бата берип, балага ат коюусун суранышкан. Каалоо ырлары, ат коюу ырлары мындай аземдин ажырагыс бөлүгү. Кээ бирлери тууган-туушкандарынан, досторунан балдарга ат коюуну суранышса, кээ бир ата-энелер өзүдөрү ысым коюшкан, ким ат койбосун баары каалоо ырын, ат коюу ырын ырдашат. Андай учурларда ырчылар көбүнчө жамактап ырын төгүшкөн, кыргыздарда мындай ырлардын так сакталган үлгүсү жок. Бул жерде кыргыз элинин ат коюу салтын чагылдырган ыр берилди, андан кыргыз элинин ат коюу каада-салты менен таанышса болот.

Аллоо акбар, аллоо акбар! Тенирим адам берди, Ааламга адам келди.

Айыл, калаа сүйүнчү Арыштар кадам келди.

Кең пейилге перзент берди,

Касиети бассын жерди, Уул болсо жоодон сактар, Эне эмизген сүтүн актаар.

Атаандашпай малын багар,

Жерин айдап, данын табар, Атасынын мээнети кайтар, Алдына дулдул тартар. А кыз болсо кырк жылкы, Кийиз жасап, үйүн жабар. Энесинин ишин алар,

Гүлдөй гүлдөп сайма саяр.

Уул бекен? Кыз бекен?

Ким болду экен?

Уул экен, уул экен!

Ааламга адам келди.

Айыл, калаа, сүйүнчү!

Арыштар кадам келди.

Ким дейбиз атын?

Көрүнчү бачым!

Анакей отун келди!

Эмесе атын койдум:

Отун алып баксын элди! Жарыя айтам отурчу, Аты болсун Отунчу.

Айыл, калаа, сүйүнчү!

Оо, Отунчу, Отунчу.

Аты болду Отунчу!

Калк сабына кошулчу.

Үйлөнүү үлпөт тоюнда, жаңы үйлөнгөндөр кыз-жигиттердин коштоосунда боз үйгө киришет, кыз-жигиттер эки топко бөлүнүп, ырдын коштоосунда ырдап-бийлеп, эки жаштын баш кошкондугун белгилешип бакыт тилешет. Эне кызын узатып жатып, мындай «Кыз узатуу» ырын ырдайт:

Кызыл бир алма бакта бар,

Кыз башын кучактап ырдамак,  Кылымдар бою наркта бар.

Жашыл бир алма бакта бар,  Баш кучактап ырдамак,  Жалпы кыргыз салтта бар.  Олоңдой кара чачыңа,  Оролсун дөөлөт башыңа.

Чылбырдай кара чачыңа,  Чырмалсын дөөлөт башыңа.

Чорголуу чөөгүн туткасы,  Чобур байлап кыз алмак ,  Чоң атаңдын нускасы.

Калайлуу чөөгүн туткасы,  Каада менен кыз алмак,  Кадимкинин нускасы.

Кичинекей тору атка,

Килем жаппас болсочу,  Кишиликтүү ардагым,  Кишиге кетбес болсочу.

Жакшынакай тору атка,

Жабуу жаппас болсочу,  Жайнаңдаган ардагым,  Жатка бир кетпес болсочу.

Колдон  бир учкан кыргыйдын,

Кыйноо го кайра кайтмагы,  Энең менен атаңдын,  Эсиңде болсун айтканы.

Күйөөңдүн көөнүн кирдетпе,

Жаным балам ардагым,  Күнүгө бизди тилдетпе.

Кайын журт көөнүн кирдетпе,  Жаным балам ардагым,  «Атаң» деп күндө тилдетпе.  Алты кат бермет ичинде,  Алкагы болдуң айдайым.  Алты кыздын ичинде,  Арзаны болдуң айдайым.

Жети кат бермет ичинде,

Жетиги болдуң айдайым,  Жети кыздын ичинде,  Жеңили болдуң айдайым.  Кымкап тондун жеңи элең,  Кызда сылык сен элең.  Баашайы тондун жеңи элең,  Баладан сылык сен элең.  Түндүк жабуу от жаксаң,  Түтүн кылбай өчүргүн.

Түмөн-түмөн кеп уксаң,  Түпөйүл кылбай кечиргин.  Кереге бою от жаксаң,  Керүүлөнтпөй өчүргүн.  Кер какшыктуу кеп уксаң,  Кек сактабай кечиргин.

Кыргыз улутунун ырым-жырым ырлары – элдик турмуштук ырымдар, курмандык чалуу, Кудайдан шыпаа издеген бакшылардын ырлары ж.б. Мындай элдик ырлар теңирчилик, турмуштук каада-салттардын таасиринин астында жаралган, белгилүү бир сыйынуу максаттары менен коштолот, мисалы түшүмдүүлүк үчүн сыйынуу, кырсыктардан сакташын сурануу, ырыс-бак тилөө ж.б. Ырым ырлары кыргыздын коомдук тарыхынын негизинде тынымсыз өзгөрүп келет. Кээ бир ырым ырлары айрым ырым-жырымдардын жок болуп кетишине байланыштуу унутулган, айрымдары сакталып калган. Мисалы, кыргыздардын байыркы жылнаамасы боюнча, жыл сайын жаз мезгилинде «Нооруз» майрамын белгилешет. Майрам күнү ар бир үйдө от жагылып, чоңдор, жаш балдар оттун үстүнөн секирип өтүп, кары-картаңдар күйгүзүлгөн арчаны кармашып ырдашат:

Алас, алас, алас, Ар балаадан калас. Эски жыл кетти, Жаңы жыл жетти.

Айдан аман,

Жылдан эсен бололу.

Өзөн сугаттуу болсун.

Элге чубактуу болсун,

Бул ыр кыргыз малчыларынын эскини таштап, жаңыны тосуп, келерки жылга даярданып жатканын билдирет. Оттон секирүү – кетип жаткан жылдагы оорулардан жана кырсыктардан арылуу, жаңы жылды тынчтыкта, кубанычта жана ден-соолукта тосуп алууну билдирет.

Кошок ыры – кыргыз элинин эзелтен бери кеңири тараган элдик ырларынын бири. Кыргыздар жакындары каза болгондо, сүйгөндөр айрылышканда же кырсыкка кабылганда кошок кошуп ырдашат. Кошок ырлар: керээз, угузуу, жоктоо, коштошуу, жаназа ж.б. Мындан тышкары, «Атасынан айрылган кыздын кошогу» жана «Апасынан айрылган кыздын кошогу», «Уулунан айрылган апанын кошогу», «Уулунан айрылган атанын кошогу», «Күйөөсүнөн айрылган аялдын кошогу», «Байкесинен айрылган кыздын кошогу», «Инисинен айрылган эжесинин кошогу» ж.б. Бул кошок ырлардын көбү маркумдун жакындары тарабынан эскерилип, урмат-сый менен коштолуп, кайгыруу менен чагылдырылган, маркумдун көзү тирүүсүндө жасаган жакшы иштерин баяндап, жаткан жери жайлуу болушу үчүн ырдалат. Эң көп тараган, эң таасирдүү болгон «Карагул ботом» деген кошок ыры бар. Уламыш боюнча, илгери Ашыр деген мергенчи болгон экен. Ал Кең-Кол, Тар-Кол тоосундагы Кең-Шибер, Тар-Шиберде аңчылык кылган. Күндөрдүн биринде мергенчи  жейрен терисин жамынган жалгыз уулу Карагулду жейрен деп ойлоп, байкабай атып салат. Мергенчи өзүнүн уулу экенин көргөндөн кийин абдан кайгыргандыктан төмөнкүдөй кошок айтат:

Кең-Колдун башы кең-Шибер, Карагул, ботом. Ошол жерде көз жумдуң Карагул, ботом.

Тар-Колдун башы Тар-Шибер, Карагул, ботом.

Ошол жерде онтодуң, Карагул, ботом.

Алтын сака ойнодуң, Карагул, ботом.

Ажал жетип сойлодуң, Карагул, ботом.

Күмүш сака ойнодуң, Карагул, ботом.

Көрөр күнүң болбоду, Карагул, ботом.

Кулуну өлгөн куруган бээдеймин, ботом.

Коштошпостон кеттиң сен, не деймин, ботом.

Тайлагынан айрылган ингенмин, ботом.

Зарлап-какшап отурган бир менмин, ботом.

Оо…, Карагул, ботом, ботом…

Кыргыздарда адам жан үзөр алдында  керээз ырларын айтуу салты болгон. Кимдир-бирөө катуу ооруп, жакында жан үзөрүн алдын ала сезсе, ал жакындарын, досторун жанына чакырып, керээз ырын айтып, тууган-туушкандары, достору анын керээзине жараша иш кылса экен деп үмүт кылган. Керээздин мазмуну ар бир адамда ар түрдүү болот. «Манас» эпосунда казак ханы Көкөтөй өлгөндөн кийинки тажияны Манас баатыр жетектесин деген үмүт менен өлөр алдында керээз кылган. Адам өлөр алдында, өзүнүн өткөн жашоосуна көз чаптырып, абдан кайгырат, ошондуктан, ырлар көбүнчө адамдардын өмүр жолу бүтөрү калгандагы татаал сезимдерин, жашоого болгон умтулсун, жакындары менен айрылуу кыйынчылыктарын, алар каза болгондон кийин, ар кандай иштерди уюштуруу боюнча аманатын айтышат.

Кыргыздардын кошок ырларынын эң негизги өзгөчөлүгү жаназа ырларында ыйлоо жана ый коштолгон кошок айтуу болуп саналат. Кошокту көбүнчө аял туугандары ырдайт. Кыздары атасын, апасын, аялы күйөөсүн, апасы уулдарын жоктоп ыйлашат. Аза ыры маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ырдалбастан, үч күн, жети күн, кырк күн жана бир жыл болгондон кийин тууганурук, дос-туугандар аза күтүшөт, боз үйгө кошокчу киргенден кийин маркумдун жакындары кошок кошушат. Жыл ашын бергенге чейин эгерде көчүүгө туш келип калса, анда боз үй тигилгенден кийин, жакындары кошок кошуп, жаңы отурукташкан жерде да каза болгон жакындарын эскеришет.

Кыргыздар бир жылдыкта, үч жылдыкта, он жылдыкта каза болгондорду эскерүү аштарды көп өткөрүшөт. Чоң аштарга миңдей, он миңдей, кичиктеринде ондогон, жүздөгөн киши чакырылат. Ашта арбакты ыраазы кылуу үчүн курмандык чалынып, аш даярдалып, ат чабыш, көк бөрү, жаа атуу, күрөш сыяктуу оюн-зооктор уюштурулат. Маркумдун жакындары да маркумга болгон сагынычтарын айтып, маркумдун иштерин даңазалап, кошок ырларын аткарышат. Андай учурларда кыз-келиндер дагы кошок ырларын ырдашат, бирок кээде инилери улуу агаларына, аталар уулдарына кошок ырын айтышат. Кыргыздардын кошок ырлары муңдуу, таасирдүү, көп учурда элди ыйлатат.

Атасынан айрылган кыздын кошогу

Томоголуу камчымды, Тору ат басып сындырды. Тооруларым сен элең, Жалаңкыч алып тындырды. Кадамалуу камчымды, Кара ат басып сындырды. Кайрыларым сен элең, Жалаңкыч алып тындырды.

Жети кулач кыл аркан,

Аркандыкка чыдабайт,

Ай тийген тоонун сеңири, Алтындан тондун өңүрү.

Күн тийген тоонун сеңири,

Күмүштөн тондун өңүрү,

Борой-борой күн жааса,

Боз жорго келет жем үчүн, Боздоп какшап отурсам, Келер белең мен үчүн.

Керей-керей күн жааса, Кер жорго келет жем үчүн. Кейип какшап отурсам, Келер белең мен үчүн.

Апасын жоктогон кыздын кошогу

Арзылап мени төрөгөн,  Ак сүт берип бөлөгөн.  Алты жашар болгуча,  Алдына алып жөлөгөн.

Эмгегим тартып төрөгөн,  Эмчек сүт берип бөлөгөн.  Эмгичекти эрикпей,

Эркелетип жөлөгөн.

Ат минсең бешик өңөрүп,  Азабым тарттың көтөрүп.  Асылым тиер кезимде,  А дүйнө кеттиң жөтөлүп.

Кыш күнү кирпик какбадың,  Кыйналып мени бакканың.  Кызматым тиер кезимде,

Кыйылбай мени таштадың.

Арман ырлары кыргыздардын турмуштук ырларында чоң орунду ээлейт. Арман ырларында малчылардын феодалдык тапка болгон катуу нааразылыгы, феодалдык таптын алым-сатым никесинин  кыз-келиндерге тийгизген терс таасири, жетим балдардын жашоодогу азап-кайгысы, бойдок турмуштун муңдуу кайгысы баяндалат. Анын обону төмөн жана кайгылуу, өкүнгөндүк, бактысыздыктын дем күчү менен ырдалат. Белгилүү арман ырлары: «Малчынын арманы», «Кедейдин арманы», «Баланын арманы», «Кыздын арманы», «Бойдоктун арманы», «Жесирдин арманы», «Токолдун арманы» жана башкалар кирет. Мисалы, дыйкандын жана койчунун арманы минтип ырдалат:

ДЫЙКАНДЫН АРМАНЫ

 

Айдадым, айдадым айдай сары талааны, Койбодум бир токумдай аланы. Бастырдым кош өгүз менен маланы, Бактырдым Тынымсейит баланы. Туура кулак байладым,

Тумшугу жок курган жан. Кайдан буудай айдадым. Кайра кулак байладым, Түйшүктүү буудай айдадым. Ороюн десем куурай ай, Орбоюн десем буудай ай.

Оруп-оруп салбасам,

Орокко жаңсай жыкпасам, Бир энчиңди албасам. Кош өгүз менен баспасам, Ошентип өчүм албасам.

КОЙЧУНУН АРМАНЫ

 

Койчу болдум башыман, Кордукту тарттым жашыман. Кошамат кылып кой бактым, Курсагымдын ачынан.

Чокоюм буттан суурулуп, Чор болду таман туурулуп. Чой-чойлоп жүрүп өлөмбү, Чокуда бир күн буюгуп. Кара өгүз минсем камчым жок, Үйгө келсем тынчым жок. Тынч алып жатып алууга, Шордуу менин ырысым жок.

Кыш кайтардым шабырга,

Жаз кайтардым адырга. Бул дүйнөнү кантейин, Жебедим тыштүү кабырга.

Эшикке жатсам эчки тебелейт, Үйгө кирсем байбиче жемелейт.

Тезек тер деп кап берет,

Үйгө кирсем көсө менен тап берет. Эшикте жатсам курушуп, Кой эчки менен урушуп. Каржалсам билген киши жок, Ач калсам жаттым тырышып.

Үйгө кирсем тынчым жок,

Муңканып зарлап ыйласам, Арманым угар киши жок.

Сүйүү ырлары – кыргыз элдик ырларынын эң таасирдүү, эң таттуусу. Кыргыздын улан-кыздары өздөрүнүн аруу сүйүүсүн ыр аркылуу билдиришип, эркиндикке, бакытка болгон умтулуусун, шыктарын толук көрсөтүшөт. Ырда кыргыз элинин тайманбастыгы, жамактап ыр жаратуу таланты даана чагылдырылган. Кыргыздардын сүйүү ырлары сезимге гана толбостон, мазмуну боюнча да ар түрдүү келет. Кыз-жигиттин бири-бирине болгон сүйүүсүн, алардын сагыныч кусалыгын билдирген ырлар бар. Кыргыз жаштарынын терең сүйүүсүн, сагынычын билдирген мындай ыр бар:

КӨП КИШИ МАКТАЙТ СҮЙГӨНҮН

Кыраңда кызыл гүл элең, Кызыгып ойноп жүрчү элем.

Кырчындай ушул жаш кезде, Кызыктын доорун сүрчү элем.

Жайлоонун жашыл гүлү элең, Жанашып ойноп жүрчү элем. Жаркылдаган жаш кезде,

Жаштыктын доорун сүрчү элем.

Асманда чолпон жылдыз бар, Айлымда сүйгөн бир кыз бар. Ар ким мактайт сүйгөнүн, Айтпаса билбейт кээ кыздар.

Көктө чолпон жылдыз бар, Көңүлдө сүйгөн бир кыз бар. Көп киши мактайт сүйгөнүн, Крбөсө билбейт көп кыздар.

УЯЛАМ

Ак аркар оттойт секиде, Ак көйнөк кийдим этиме. Ашкере ойноп жүрөлү, Алардын койбой эркине.

Көк аркар оттойт секиде, Көк көйнөк кийдим этиме. Күнүнө ойноп жүрүүгө, Көп киши койбойт эркиме.

Көрсөм көңүл ачарым, Сүйлөсөм кумар жазарым. Жалпы жигит ичинен,

Өзүңө түштү кумарым.

Балдар ырларынын негизги милдети – балдарга билим берүү же алардын оюндарын кубанычтуу маанай түзүү болуп саналат. Ымыркай кезинде эне «Бешик ырын» ырдап, баланы уктатып, баланын бактылуу өсүүсүн каалайт. Балдардын жаш курагы өскөн сайын балдар ырларынын мазмуну да кеңейет. Оюндар, табышмактар, кээ бир жергиликтүү каада-салттар, жадакалса калп, күлкүү нерселер да балдар ырларында чагылдырылган. Балдар ырларынын мазмуну кыска, ыргагы кубанычтуу келип балдардын ырдоосуна жеңил.

Кыргыз балдар ырларынын мазмуну ата-бабалардын малчылык өндүрүшү жана эмгеги, элдик байыркы уламыштары менен ажырагыс байланышы бар. Мисалы, балдарга арналган «Үркөр» ыры жети жылдыз жөнүндөгү уламыш менен тыгыз байланышта. Илгери, Үркөр деген малчы карыя болгон, анын абдан сулуу кызы бар экен. Карыянын кошунасы жети бир туугандын баары каракчылар эле. Алар сулуу кызга көптөн бери көз артып келишет. Бир күнү алар кызды алып кетишет. Бул кабарды уккан Үркөр карыя алардын артынан кууп жөнөйт. Каракчы алдынан чуркап, карыя артынан кууп асманга чейин жетет, ушинтип «Үркөр» жети жылдызга айланган.

Ар бир жайдын түнү, асман жылдыздарга толуп турган учурда, айылдагы балдар жайлоодо секирип, чуркашып, бул байыркы ырды ырдашат.

Үркөр-Үркөр, үлпүлдөк,

Үркөр-Үркөр, үч жылдыз, Үркүп кайда барасың?

Жөө желимге барамын.

Жөө желимде эмнең бар?

Жибек согоор кызым бар. Жүгүрүп-жүгүрүп жүн таптым, Жүн астынан тарак таптым.

Тарагымды таттыга бердим.

Таттым боз козусун берди.

Конокко сойдум.

Конок камчысын берди.

Каз урдум.

Каз канатын берди.

Көлгө салдым.

Көл көбүгүн берди.

Ак уюма бердим.

Аяк-аяк сүтүн берди.

Көк уюма бердим.

Көнөк-көнөк сүтүн берди.

Туруп ичейин десем коюнума төгүлөт, Жатып ичейин десем жамбашыма төгүлөт. Уулумду Букарга жибердим, Буудай алдырып ичтим. Кызымды Коконго жибердим, Конок алдырып ичтим.

«Санак ыры» – уйкаштыктын дал келүүсү менен кызыксыз келген сандарды жана аңгемелерди айкалыштырып жаратылган, балдар ырдаганга, үйрөнүүгө жана жаттоого оңой келет, агартуучу мааниге ээ.

Бир дегени билүү,

Эки дегени өгөө,

Үч дегени үлгү,

Төрт дегени төшөк,

Беш дегени белек,

Алты дегени аркыт,

Жети дегени жемиш,

Сегиз дегени серке,

Тогуз дегени торко,

Он дегени оймок,

Онго чейин санаганды билбесең, сен кара тоголок.

7. ЭЛДИК ЖӨӨ ЖОМОК

Кыргыз жөө жомоктору адамдар, жаныбарлар жөнүндөгү жөө жомоктор, тамсилдер, азилдер деп бөлүнөт. Адамдардын жана жаныбарлардын окуяларына басым жасалат.

(1) Адамдар жөнүндөгү жөө жомоктор

Кыргыз элинин адам тууралуу жөө жомокторун сыйкырдуу жана турмуштук деп бөлүүгө болот. Сыйкырдуу жөө жомоктордо адамдар басымдуулук кылганы менен, алар чыныгы турмуш менен сыйкырдуулукту айкалыштырган, жөө жомокто ар кандай перилер, жиндер, айбанаттар аралашып кетет. Мындай жөө жомокторго: «Ысымын жашырган кыз», «Алтын куш», «Акылдуу келин», «Хан жана макоо», «Эмне сепсең, ошону оросуң» ж.б.у.с. Бул жөө жомоктордун көбү адамдардын калоосун жана умтулуусун чагылдырат.

«Ысымын жашырган кыз», негизги мазмуну: Илгери байдын бир кызы бар экен. Кызынын атын жашырып койгондуктан, анын аты ким экенин эч ким билген эмес. Бай айтат: «Кызымдын атын ким тапса, мен кызымды ага берем»,– дейт, бирок анын атын эч ким таба албайт. Күндөрдүн биринде дагы бир бай көчүп баратканда, бир уй ылайга тыгылып калган болот. Бай өтүп бараткан кызды көрүп: Эй! Кыз, мага жакшылык кыл»,–  деп кыйкырат, кыз аттан түшүп, ылайга тыгылып калган уйду жана анда түйүлгөн буюмдарды күч менен тартып чыгарат. Бай таң калып сурайт: «Кимдин кызы болосуң? Атың ким?» «Менин атым Бийкеч»,–  деп кыз жооп берет. Муну жолдун жээгиндеги чөптүн арасында жашынган карышкыр угуп калып, адам кейпин кийип, кыздын атасына келип мындай дейт: «Аксакал, кызыңыздын атын тапсам, кызыңызда мага турмушка бересизби?» Карыя жооп берет: «Албетте, адегенде сен айтчы, кызымдын аты ким?» Адам кейпин кийген карышкыр: «Макул, мен айтайын. Кызыңыздын аты Бийкеч»,– деп жооп кайтарат. Ошентип бай убадасын аткарып, кызын аны менен кудалаштырууга камдана баштайт. Кыз эмне болуп жатканын билбейт, капыстан бир тору ат сүйлөйт: «Атаң сени карышкырга күйөөгө берген жатат, тезирээк менин артыма мин! Мен сага жардам берем»,– дейт. Кыз: «Макул! Мен азыр сени менен барам»,– деп айтат. Кыз тору атка минип жөнөйт. Адам кейпиндеги карышкыр анын артынан ээрчип жөнөйт. Алар үңкүрдүн кире беришине келишкенде, тору ат дагы: «Мени бул жакка байлап кой, карышкыр билбесин, сен үңкүргө киргенден кийин, ага атка чөп беришим керек деп чыгасың, анан мени менен кошо качып кет»,– дейт. Кыз үңкүргө кирип, кайра бурулуп келип, атка минип, качып кетет. Карышкыр айласын таппай артынан кууп жетип келгенде, кыз Кара баатырдын үйүнө жашынып калат. Карышкыр Кара баатырдан өзгөчө коркот эле, дароо ырайым сурап жалбарып: «Мени урба, сага жыл сайын бөлтүрүк жибербедим беле!»,– дейт. Кара баатырдын күчүнөн коркуп, айласы кетип басып кетет. Кыз эркектин кийимин кийип Кара баатырдын үйүндө калат. Кара баатыр апасы менен чогуу жашайт, аябай катаал аял эле. Кыз Кара баатырдын олжосун күнүгө ташып келүүгө жардам берет. Күндөрдүн биринде каардуу аял кыздын сырын билип калып, уулуна айтат. Бирок уулу: «Жок, апа, ал эркек»,– деп жооп берет, апасынын сөзүнө ишенбейт. Апасы дагы: «Эртең ага мылтык берип, экөөңөр жейрен атканга баргыла, кайра көтөрүп келе жатканда байкап көр. Эгер кыз болсо, анда сенден аз, эркек болсо сенден көп көтөрөт», – деп айтат. Кара баатыр апасынын айтканын кылат. Кыз андан көп жейренди атып, ал 11 көтөрөт, Кара баатыр 10 көтөрүп үйгө кайтышат. Кара баатыр апасына: «Мен эркек деп айтпадым беле, ишенген жоксуз, менден да көп жейренди атып, көтөрдү!»,– дейт. «Ой! Ал кыз, сен билбейсиң. Эми анын атын темир үйгө камасаң, ошондо кыз экенин билесиң»,– дейт апасы. Кара баатыр шылтоо таап, кыздын атын темир үйгө камап салат, ал кеткенден кийин эле, ат чылбырды үзүп, үйдүн темир эшигин катуу тээп, акыры темир үйдөн качып чыгат. Ат кыздын жанына келип: «Сенин ким экениңди далилдеш үчүн, эне-бала мени темир үйгө камап салышты. Бирок мен күлүк атмын, алар мени кармай алышпайт. Бул жерде көпкө жашай албайт окшойбуз, тез кетели»,– дейт. Ошентип, кыз атка минип, качып жөнөйт. Кара баатыр аларды кууп жөнөйт, бирок жете алган жок. Кыз атка минип чоң дарыяга келет, дарыяны кечип өтүп жатканда, тору ат кайра сүйлөйт: «Кыз, мен өлгөн жатам. Сен мени өлтүргөндөн кийин төрт туягымды төрт тарапка ыргытып «Төрт түлүк мал бол!»,– деп айт, ошондо төрт түлүк мал аласың. Мени жерге коюп «Ак боз үй бол!»,– деп айтсаң ак боз үйгө ээ болосуң, булар менен сен өзүңдүн жашооңду жашай аласың»,– дейт. Кыз тору аттын айтканын кылып, төрт түлүк малы, ак боз үйү бар болот, ошондон бери бул жерде жыргап жашап калат.

«Алтын куштун» негизги мазмуну мындай: Уламыш боюнча, илгери бир карыя жокчулукта жашаган. Жалгыз баласы, бир алма багы бар болот, үй-бүлөсүнүн болгон мүлкү ушулар эле. Бул алма бактын башында жыл сайын бир гана кызыл алма өсөт. Карыя алманы жыл сайын жеп, жылдан жылга жашарып баштайт. Бирок үч жыл катары менен алма бышкан сайын, аны кимдир бирөө уурдап кеткен болот. Төртүнчү жылы карыя баласын кароолчу кылып дайындайт. Түндөрдүн биринде уулу өтө кооз алтын куштун учуп келип, даракка конуп, алма жеп жатканын көрөт, алтын куштун бир канатын жаа менен атып салат. Эртеси жаш жигит ат минип алтын кушту издеп чыгат. Кайчылаш жолго келгенде жолдун жээгинде «Оңго барсаң атыңды жоготосуң, солго барсаң өлөсүң» деген жазуусу бар чоң ташты көрөт. Өлүүнүн ордуна атын жоготкон жакшы деп ойлоп, оң тарапка жол алат. Бир нече күн жүрүп көк бөрүгө жолугат, дароо аттан түшүп, атты союп, көк бөрүгө жегенге берет. Карышкыр ага абдан ыраазы болуп: «Аттын этин жарымын бышырып, мени минип, кайда бара жатканыңды айт, сени ошол жакка алып барайын»,– дейт, жаш жигит: «Мен алтын кушту издеп жүрөм»,– дейт. «Көзүңдү жумуп, мага мин»,– дейт карышкыр. Жигит көзүн жумуп, карышкырга минет. Канча тоолорду, канча жолдорду басып өткөнүн, өзү да билбей калат. Ал карышкырдын «Көзүңдү ач!»,– деген үнүн угат, көзүн ачып, чоң шаарга келгенин көрөт. Карышкыр ага: «Алтын куш тиги үйдө, сен тынч басып кир, аны бутунан кармабай, канатын карма»,– дейт, бирок жаш жигит карышкырдын айтканын унутуп калат. Киргенде анын бутунан кармайт, канаттуунун бутундагы коңгуроо шыңгырап, сакчылар ойгонуп, аны кармап калышат. Эртеси жигитти шаардын падышасына алып барышат. Сурак учурунда жигит падышага бардык ниетин, башынан өткөн окуяларын айтып берет. Падыша жигиттин ата-энесин сыйлаган сапатына суктанып, ага алтын кушту берем деп убада берет, бирок бир шарт менен: башка падышанын алтын жалдуу, алтын куйруктуу атын падышага алып келиши керек болот. Жигит көк бөрүгө абалды айтып берет. Көк бөрү аны башка падышанын сарайына алып барып: «Ушул төрт сарайдан кийин дагы бир сарай бар, алтын жалдуу, алтын куйрук ат ушул сарайда, сен анын чылбырын кармаба, мойнунан карма»,– дейт. Бирок жигит киргенден кийин көк бөрүнүн айтканын унутуп, арканды кармаганда, коңгуроо шыңгырап, күзөтчүлөр аны падышага алып келишет. Падыша анын ниетин билип, ага алтын жалдуу, алтын куйруктуу атты берүүнү убада кылат, бирок бул падышага башка падышанын кызын алып келишин айтат. Көк бөрүнүн жардамы менен жигит акыры кызды алып келет. Алар кайра көк бөрүгө минип кайтышат. Жолдо жигит менен кыз бири-бирин сүйүп калышат. Жигит эмне кыларын билбей көк бөрүдөн жардам сурайт. Падышанын сарайын жеткенде, көк бөрү сулуу кызга айланат. Ошентип, жигит аны падышага берип, алтын жалдуу, алтын куйруктуу атты алат. Алар кеткенден кийин көк бөрү мурунку келбетине келет. Анан жигит көк бөрүнүн жардамы менен акыры алтын кушка да ээ болуп, кичи мекенине кайтып келет, кызга үйлөнөт, атасы да жыл сайын кызыл алма жеп, барган сайын жашарат.

(2) Жаныбарлар жөнүндөгү жөө жомоктор

Жаныбарлар жөнүндөгү жөө жомоктор кыргыз элдик жөө жомоктордун бир түрү. Кыргыз улутунун «Төрт дос», «Түлкү менен бөдөнө», «Түлкү, арстан жана карышкыр», «Төө менен күкүк», «Беш ажы», «Таранчы менен жылан», «Эки кичинекей аюу», «Түлкү менен карышкыр» сыяктуу жөө жомокторго бай келет. Бул жаныбарлар жөнүндөгү жомоктор терең мааниге ээ, жаныбарлар дүйнөсүндөгү жакшылык менен жамандыктын, чынчылдык менен эки жүздүүлүктүн ортосундагы күрөш аркылуу адамдарды боорукер, чынчыл, эмгекчил, эр жүрөк болууга тарбиялайт. Жаныбарлардын ичинен арстандар, жолборстор, илбирстер, карышкырлар жана түлкүлөр кара күчтөрдү, кой, уй, жылкы, коён жана башка майда жаныбарлар боорукердикти жана алсыздыкты билдирет. Бул эки күчтүн күрөшү аркылуу алсыздар биримдиги менен гана күчтүүнү жеңе алат деген тарбиялык маанини чагылдырат. Мисалы, «Төрт дос» төрт майда жандыктын, жейрен, бака, карга, чычкан биригишип, бири-бирине жардам беришип, акыры ар кандай коркунучтардан арылып, кыйынчылыктарды жеңип, токойдо жана жайлоодо аман калуусу баяндалат. Ал эми «Таранчы жана уулуу жылан» балдарын жеген уулуу жыланды жок кылган эр жүрөк, акылман таранчы тууралуу жомок. Бул жомоктордун тарбиялык жана агартуучулук мааниси бар. Кыргыздардын жаныбарлар жөнүндөгү жөө жомокторунда арстан, жолборс, аюу, карышкыр, түлкү сыяктуу каардуу, амалкөй айбанаттардын бири-бири менен согушуп, сүрүп чыгарышы жөнүндөгү окуялар көп кездешет. Мындай окуялардын көбү ар кандай ыкмаларды колдонуп алсыз жаныбарларга зыян келтирүү менен башталып, андан соң бири-бири менен согушуп, бири-бирин өлтүрүп, биринин артынан бири мергенчилер тарабынан атылып же колго түшүрүлгөнү баяндалат. Канкор адамдар кылган жаман иштердин аягы жакшылык менен бүтпөйт деген маани берет.

Кыргыз элинде «Түлкү менен карышкыр» жомогу кеңири тараган. Жайлоодо семиз койдун куйрук майын көргөн түлкү, аны жегиси келет, бирок койдун куйрук майы карышкырдын капканына түшүп калганын көрөт. Түлкү коркконунан шашып кайра артка кайтып, койдун куйрук майын карап шилекейи агып турат. Ошол кезде бир ач карышкыр басып келет, түлкү дароо айласын ойлоп, ач карышкырга айтат: «Кымбаттуу карышкыр байке, досум койдун куйрук майын жибериптир, мен сага бир кесим калтырдым…» Ал сөзүн айтып бүтө электе эле, ач карышкыр койдун куйрук майын баса калат. Карышкыр капканга түшүп, койдун куйругу бери жакка оодарылып түшөт. Түлкү койдун куйрук майын тиштеп, канаттанып кетип калат. Бул жомок эки жүздүү, амалкөй адамдардын таттуу сөздөрүнө ишенбегенге чакырат.

«Ач көз карышкыр» жомогунун негизги мазмуну: Карышкыр ушунчалык ачка болгон маалда, канаты сынган карчыгага жолугуп калат, аны жегиси келет. Карчыга кичинекей болгондуктан, ач карышкырдын курсагын тойгуза албагандыгын айтат, акылмандык менен дөбөдө жаткан чоң жыланга жиберет. А чоң жылан болсо, карышкырды тоонун артындагы чоң кара эчкиге жиберет. Эчки карышкырга: «Сага тамак катары аз болот, мени жегенден көрө, өзөнгө барсаң, ал жерде боз бээ баткакка тыгылып жатат, үч-төрт күн жегенге жетет»,– дейт, «сен туура айтасың» деп, карышкыр ушунчалык сүйүнүп, коштошууга да жарабай, өзөнгө чуркайт. Карышкыр боз бээге чуркап барат: «Эй, боз бээ эже, мен сени жейм?»,– дейт. Боз бээ: «Эмне үчүн? Урматтуу карышкыр мырза»,– деп сурайт. «Анткени, мен абдан ачкамын»,– деп карышкыр бир кадам алдыга басат. Боз бээ бейкапар: «Мейли, карышкыр иним, адегенде мени ылайдан сүйрөп чыгышың керек»,– дейт. Карышкыр чыдап болгон күчүн жумшап, боз бээни ылайдан сүйрөп чыгарат. Карышкыр абдан чарчагандыктан, деми жетпейт мындай дейт: «Эми сени жешим керек!» Анда боз бээ: «албетте, азыр жесең болот, бирок биринчи сен атыңды менин туягыма жазышыңды суранам, андан кийин сен мени жесең болот»,– деди боз бээ туягын тосот. Карышкыр чарчаган денесин араң кыймылга келтирип, аттын туягына жазайын деп жатканда, боз бээ туяктары менен карышкырдын башын катуу тээп жиберет. Ачка карышкыр жерде тура албай жатып калат, боз бээ качып кетет. Ач карышкыр араң жерден туруп, аксап басып баратып, оозун кыбыратып сүйлөйт:

Карчыганы жебеген кайран башым.

Кулач жылан жебеген курган башым,

Кара эчкини жебеген каткан башым,

Балчыктан байтал суурган балбан башым,

Таманына кат жазган молдо башым,

Тарс эттире тептирип, Өлүп кала жаздаган Олдо башым!

Мен ушундай абалга туш болдум, Менин армандуу жашоом, ай!

Кээ бир жаныбарлар жөнүндөгү жомоктор кыска жана нуска, бирок кызыктуу. Мисалы, «Түлкү менен бит» жомогу мындай: Бир жылы түлкү менен  бит биргелешип буудай өстүрүшөт. Түлкү өтө жалкоо, ар дайым эмгек кылбаш үчүн калп айтат. Бир аздан кийин башы ооруп, анан ичи ооруп жатканын айтып, дээрлик күнүгө чөпкө барып кымыз ичип, ойногондон кийин гана кайтып келет. Ал эми бит жалгыз иштеп, сугарып, эгин айдап, күзүндө оруп-жыйуу менен алек болот. Үйүлгөн буудайды көрүп, түлкүнүн көздөрү жайнап, бир амал оюна келет: «Мен бул макоону алдайын, эгер калп айтсам, буудайлардын баары меники эмеспи?», – дейт. Битке барып: «Буудай ташыган абдан чоң түйшүк экен, андан көрө жарышалы, буудай үйүлгөн жерге ким биринчи жетсе, ошо буудайдын баарын алсын», – дейт түлкү. Чынчыл бит макул деп баш ийкейт. Экөө чогуу оюн талаасына келишет. Бит даяр боло электе түлкүнүн «чурка» деп кыйкырганын угат, ал өзү куйругун көтөрүп, кулагы көтөрүлүп чуркап жөнөйт. Ушул маалда бит акырын секирип, түлкүнүн куйругуна жабышат. Түлкү башын бурбай үйүлгөн буудайга карай чуркайт. Ичинен сүйүнүп ойлойт: «Бул убакта бит кайда калганын да билбейт!..» Түлкү кубангандан, куйругун чайкайт, ошол учурда бит үйүлгөн буудайга түшөт. «Эй! Түлкү байке, эмнени карап жатасыз?»,– дейт. Түлкү таң калып, өйдө карап: «Бит, сен качан келдиң?» – деп сурайт. «Мен бул жакка эбак эле келгенмин, сени күтүп жатып, чыдамым да кетип калды»,– деп айтат.

Бул маалда түлкүнүн колунан эмне келет эле, бирөөгө жамандык кылам деп, өзүнүн кыялы талкаланат, көңүлү чөккөн бойдон басып кетет. Бит өзүнүн күжүрмөн эмгеги менен мол түшүмгө ээ болот. Алтын сыяктуу буудайдын дандарын аз-аздан үйүнө ташып, келерки жылга кам көрөт.

8. БАТА

Батаны – куттуктоо сөзү же каалоо-тилек деп да атаса болот, кыргыз элдик адабиятта эң маанилүү орунду ээлейт. Бата негизинен көрүнүктүү инсандардын, табият дүйнөсүнүн колдоочулары, мисалы, Умай эненин, дыйканчылыктын пири Баба дыйкандын, «Манас» эпосунун баатырларынын (Бакай, Кошой ж. б.) айткан калоо-тилек сөздөрү. Адамзатка кам көрүү жана аларга тиешелүү милдеттерди аткарууга жардам берүү үчүн жаратылыш колдоочуларына айтылган баталар. Ар түрдүү элдик колдоочулардан береке, бакыт, ийгилик сыяктуу тилектерин айтышкан, анда элдик ишенимдер жана сыйынуусу чагылдырылган. Анын ичинде дасторконго бата, үй ээсине бата, балага бата, жаңы кийимге бата, жаңы үйлөнгөндөргө бата, көч баталар, ат байлаганга бата, конокторго мал союп дуба кылган бата, малчыларга бата, жолго чыкканга бата жана башка көптөгөн түрлөрү бар. Мындай баталар уйкаштык ырлардан түзүлгөн, алар уккулуктуу, жаттап алууга жана жайылтууга оңой. Батанын көп түрү бар, негизинен төмөнкүлөр:

Эмгек баталар – негизинен эгин эгүүдөгү бата, көчкөндө, сапарга чыкканда берилүүчү бата, бээ байлаганда же саанга эчки байлаганда, аялдар тон бычканда бата айтылат. Адамдардын эмгеги акталып, эмгеги жемиштүү болушу үчүн жакшы тилектер айтылат. Баталар уйкаштык ыр саптарынан турат.

Той баталар – кыргыз улутунун тойлорунда, үйлөнүү той, жаңы конуш той, сүннөт той, туулган күн жана башка тойлордо айтылган баталар. Мындай майрамдык той өткөн сайын үй ээсине чын жүрөктөн бата айтышы керек. Баталардын негизги мазмунуна маараке менен куттуктоо, кичи мекендеги тууган-уруктарга жакшы каалоо-тилек айтуу, жаңы үйлөнгөн жубайларга бакыт-таалай сыяктуу каалоолор айтылат. 2004-жылы ушул саптардын автору Кытайдагы этникалык кыргыздарда алгачкылардан болуп докторлук илимий даражасын коргогонун майрамдап, Ак-Чий ооданынын Кара-Чий айылында айылдаштары жагынан атайын маараке уюштурган. Ошол убакта залкар манасчы Жусуп Мамай төмөнкүдөй бата берген:

Жусуп Мамайдын Адыл Жуматурдуга берген батасы

Ынтымак берсин, бак берсин, Кут конуп сыймык нак келсин. Батасы тийип эл-журттун, Падышалык так берсин.

Жубайың менен тең карып, Токсондон аша жаш берсин! Кызыр болуп жолдошуң, Кызыл гүлүң соолбосун. Кызыгы бүтпөй махабат, Кыяматтык орносун. Кыз-улан шаңы басылбай, Кырк күнгөчө тойлосун.

Акжолтой болуп элиңе,

Артыңды Теңир оңдосун.

Тулпарың алыс чабылсын, Тукумуң журтка таанылсын. Бакыттын үйүн тең кармап, Башыңан мээнет арылсын.

Дасторконуң жайнасын,

Казанда этиң кайнасын, «Манасың» төрдө айтылып, Маңдайда булбул сайрасын. Ден соолугуң бек болсун, Жараткан өзү сактасын!

Кыз узатуу, келин алуу баталар-кыргыз улутунун үйлөнүү каада-салттарынан кабар берет. Кызды узатканда же келин алуу учурунда аксакалдар бата бериши керек. Мындай баталарга колуктунун үй-бүлөсү кыз узатканда бата, жигит тарап келин тосуп алганда айтылган бата кирет. Анда жаңы үйлөнгөн жубайлар кол кармашып, өмүр бою чогуу, бактылуу үй-бүлө болушун каалаган тилектер чагылдырат. Ал кыргыз улутунун байыркы ишенимдерин жана үрп-адаттарын изилдөө үчүн маалымдама мааниге ээ.

Майрамдык баталар – эски жылды узатууда, жаңы жылды тосууда, Рамазанды тосууда айтылат. Качан ушундай майрам келсе эл ар кандай иш-чараларды өткөрүп, тууган-туушкандарына, досторуна карата бата бериши керек. Мындай батанын негизги мазмуну: келе жаткан жылда элде бакыт, ынтымак, ырыс-береке болушун тилешип бата беришет. Негизинен ыргактуу уйкаштык менен айтылат.

Арналуу баталар – кыргыз улутунда өзгөчө элдик каалоо-тилек болуп саналат. Жүрөктөгү ыраазылыкты билдирип айтылган сөздөр. Мисалы, бирөөгө ыраазычылык билдирүү үчүн, кимдир-бирөөгө узун өмүр, ден соолук, бакыт, ийгилик каалоо үчүн айтылат. Мындан кыргыз элинин бири-бирин урматтап, ынтымакта жашаган жакшы каада-салттары чагылдырылган. Ал уйкаштык стилинде, ыргак менен айтылат.

Жусуп Мамайдын Улуу-Чат ооданынын жаңы шаарчасына берген батасы 

 Оомийин Улуу-Чаттын жаңы шаарына: 

Жер чөйчөгү Кызыл-Ой,

Айлым кылымдар бою үзүлбөсүн той!   Алтын капкасынан ырыс-кешик   Чубуруп кире берсин жылып ой.   Ушул жердин соккон жели менен   Бакыт-дөөлөт жапырып кирсин.   Таштарына таруу өнсүн,    кумдарына күрүч өссүн.

Ак кармаса алтын болсун,   Гүл кармаса күмүш болсун.

Төрт райондун чогулган элге   Ушул жаңы шаарча кут болсун.

Ынтымак, ырыс, береке

Түбөлүккө жаңы шаарга жуп болсун!  Оомийин!

Жаш балдарга бата берүү – кыргыз элинин балдарга кам көрүү жана тарбиялоо жолун жана агымын сүрөттөйт. Ымыркай төрөлгөндө киндигин кесип, балага биринчи тамак бергенде, ат коюп, бешик терметкенде, биринчи кадамын таштаганда жакшы бата берип, баланын ден соолугу чың болуп чоңоюшуна тилектерин билдирип, жаркын жана бактылуу келечек тилешип, туулган жерин, элин сүйгөн камкор адам болсун деп бата беришет.

Дасторконго баталар – дасторкон жайылган сайын конокторго жакшы тамак берилип, үйдө үч маал тамактангандан кийин да дасторконго бата тиленет, ыраазычылык айтуу илгертен келе жаткан салтты баяндайт. Негизги мазмуну – конок үй ээсине жылуу мамилеси үчүн ыраазычылыгын билдирип, үй-бүлөсү менен ынтымакта, токчулукта, молчулукта жашап, ден соолугу чың болушун тилеп бата айтышат.

Аза-ашка баталар – кыргыз улутунун өзгөчө маркумду жерге берүү каада-салттары чагылдырылган. Маркумдун арбагын ыраазы кылып, жакындарын сооротуу максатында, маркумдун үч күндүк, жети күндүк, кыркылыгында, бир жылдыгында, күмбөздү тургузууда, маркумдун жакындарына көңүл айтууда үй ээсине бата беришет. Маркумдун тиги дуйнөдө жаны жайлуу болушу үчүн, жакындары бактылуу, ден соолукта болсун деп бата тиленет.

Улууларга баталар – улуу адамдардын туулган күнүн, үйлөнүү тоюнун жылдык мааракесин белгилөө сыяктуу учурларында айтылат. Ыраазычылык билдирүү максатында жаш муундар улууларга өзгөчө бата берип, урматсыйларын, жакшы тилектерин айтышат.

Баатырларга бата берүү – баатыр жоого чыкканда, өзүнүн жөндөмүн, кайратын, улуттун намысын сактоого жумшап, андан да чоң атак-даңкка ээ болсун деген үмүт менен эл бата айтышат, колдоочулардан баатырдын жеңишке жетишин тилешет.

Ай жаңырганда дуба кылуу – ай толгон сайын, жаркыраган ай жарыгын карашып, айга таазим кылышып, сыйынышып, жүрөктөгү тилектерин айтышат.

Мергенчилер аңчылыкка чыгуунун алдында жапайы жаныбарлардын колдоочуларына, тоо-суулардын колдоочуларына сыйынышат, жүрөктөгү сыйынуу сезимдерин билдирип, алардан мол олжо алып келүүсүн тилешет, урууда жана алардын үй-бүлөлөрүндө тамак-аш мол болушу үчүн да бата айтышат.

9. МАКАЛДАР

Кыргыз макал-ылакаптары кыргыз тилинин өзөгү. Ал кыргыз эпосторунда, дастандарда жана башка элдик адабиятында кездешет, ошондой эле элдин күнүмдүк жашоосунда да колдонулат, өзгөчө «Манас» сыяктуу улуу чыгармаларда сансыз макал-ылакаптар берилет. Кыргызда «Эркектин көркү сакалда, сөздүн көркү макалда» деген макал бар.

Кыргыз улутунун макал-ылакабы – кыргыз элинин узак жылдык өндүрүштүк эмгегинен жана турмуштук тажрыйбасынан жаралган, жалпыланган кыска формада жана мааниси терең келет. Кыска, бирок нуска болгон макалдар аркылуу терең философиялык ойлорду ачып, эмгекчи элдин көп жылдар бою топтогон өндүрүштүк-турмуштук тажрыйбасын чагылдырат. Мазмуну ар тарапты камтыйт жана тарбиялык мааниге ээ. Кыргыз тилин, турмуштук каада-салтын, философиялык ойлорун изилдөөдө абдан маанилүү болуп саналат. Айтылышы жагынан кыргыз макал-ылакаптары бир сүйлөмдөн жана эки сүйлөмдөн турат. Эки сүйлөмдөн турган макал-ылакаптар негизинен аяккы уйкаштык, эки сүйлөмдөгү сөздөр симметриялуу келет. Мисалы:

Карга баласы шумкар болбойт, Эшек баласы тулпар болбойт.

Энеси суу кыргыздын, Атасы тоо кыргыздын.

Кул жыйылып баш болбойт,

Кум жыйылып таш болбойт.

Кыргыз улутунун макал-ылакаптарынын мазмуну өтө бай, астрономия менен географиядан баштап, дыйканчылык менен мал чарбачылыгына чейин, таптык карамакаршылыктарды жана биримдикти, достукту чагылдырат, адеп-ахлактык тарбиялоо мүнөзгө ээ. Мисалы:

Ат эрдин канаты, Сөз чечендин санаты.

Булуттун көркү жел менен, буудайдын көркү тер менен.

Куш аяган көк карайт, ат аяган жер карайт.

Аккан арыктан суу агат, аккан суу арык табат.

Бешимден кийин тийген күндүн жылуусу болбойт.

Байлар элдин азыгы, бийлер элдин казыгы, даанышмандар, өнөрлүүлөр асылы.

Жаманга жакын болсоң, жалаасы жугат, Казанга жакын жүрсөң, карасы жугат.

Алтын отто сыналат, адам эмгекте сыналат.

Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, чаңы чыкса да даңы чыкпайт.

Ата журт – алтын бешик.

Кыргыз улутунун макал-ылакаптары өтө кыска, күчтүү мааниге ээ, ыргактуу, уйкаштуу, эстеп калууга жана түшүнүүгө оңой. Ошондой эле макал-ылакаптары көркөм гана эмес, улуттук өзгөчөлүктөргө да ээ. Ойдун темасын билдирүү үчүн ар кандай риторика ыкмалары колдонулат. Параллелизм:

Илим айга жеткирет, Акыл көккө жеткирет.

Аттын баары тулпар болбойт, Куштун баары шумкар болбойт.

Салыштыруу: Тоо-кыргыздын атасы, Суу-кыргыздын энеси.

Суу дыйкандын – каны, Жер дыйкандын – жаны.

Карама-каршылык:

Жазгы мээнет – күзгү ыракат.

Жакшы келсе кут, Жаман келсе жут.

Күчөтмө:

Бөтөн жерде султан болгуча, Өз жериңде ултан бол.

Айыл башы болгончо, суу башы бол.

Кыскасы, кыргыздын макал-ылакаптары кыргыз улутунун жеринде тамыр жайып, кыргыз элинин өзгөчө ой-сезимин чагылдырып, мазмуну боюнча элдик адабият менен элдик чыгармачылыктын көөнөргүс мурасына айланган.

10. ТАБЫШМАК

Кыргыз улутундагы табышмактар формасы жагынан ыр саптарына таандык. Негизинен элдин акыл-эсин өстүрүү үчүн, балдарды тарбиялоо максатында жаралган элдик адабияттын бир түрү болуп саналат, мазмуну элдин турмушу, өндүрүшү менен тыгыз байланышы бар. Кыргызча табышмактардын көбү эки симметриялуу жана уйкаштык сүйлөмдөн түзүлгөн. Мисалы:

Канаты бар, учпайт, Куйругу бар, конбойт.

Буту жок, сойлойт,

Буттуудай ойнойт. (балык)

Аттан бийик, иттен пас. (ээр)

Жайдын күнү кийгенин,

Кыштын күнү чечинген. (бак-дарак)

Кыдырата (эки катар) таш койдум,

Кызыл өгүзүмдү бош койдум. (тиш, тил)

Жети-сегиз бир тууган, бир-биринен айрылса, чапандары жыртылган. (сарымсак)

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮК.

ЭЛДИК КӨРКӨМ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

Кыргыздар узак тарыхый баскычта, эмгекчилдиги жана акылмандыгы менен өзгөчө элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жаратышкан, ал элдик маданияттын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кыргыздардын байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейин элдик сүрөт тартуу, оймочулук, саймачылык жана токуучулук, жыгаччылык, теричилик, зергерчилик, темирчилик сыяктуу элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жогорку жетишкендиктери бар. Кыргыз элдик кол өнөрчүлөрүнүн, сүрөтчүлөрүнүн, аялдарынын жана башкалардын жасаган буюм-тайымдары кооз жасалгалоо менен гана чектелбестен, көп жылдык тарыхы да бар.

Байыркы кыргыздардын сүрөт тартуу, оюп түшүрүү жана башка көркөм өнөрчүлүк түрүнө таандык чыгармалары кооз жана таасирдүү, тарыхы узак. Археологдор Эне-Сай дарыясынын жогорку агымындагы, Түштүк Сибирдеги жана башка байыркы кыргыздар жашаган аймактардан, Хань династиясына чейинки байыркы мүрзөлөрдөн, кээ бир токулган буюмдарда, карапа буюмдарда арстан баштуу адам келбети, канаты жана мүйүзү бар арстандын адам келбети, арстан келбети жана бүркүт баштуу сыяктуу оймо-чиймелер, желмогуздар, адамдар, геометриялык оймо-чиймелер, байыркы кыргыздардын көчмөн турмушу, дыйканчылыгы аска-таштарда тартылган, алар байыркы кыргыз сүрөт тартуу өнөрүн жана оюп түшүрүү өнөрүнүн өкүлчүлүктүү чыгармалары болуп саналат. Бул чыгармалардын жандуу образдары бар, айрыкча, Таң династиясында кыргыздар иштеткен металл идиштердеги сүрөттөр жана рельефтер кыргыз улутунун элдик көркөм талантын толук көрсөтө алат.

Таң династиясынын доорунда кыргыздардын ата-бабалары сяцзясынын сүрөт тартуу жана оюп түшүрүү өнөрү жогорку деңгээлде болгон. Совет археологу Монгайт «Советтик археология» аттуу эмгегинде мындай деп жазган: «Алтын таажыда бутактар жана гүлдөр рельефтүү чегилген, балыкты чукуп жаткан кызыктай үкү тартылган. Алтын табакта канаттуулар, гүлдөр оюп түшүрүлгөн. Колодон жасалган буюмдарда аңчылыктын көрүнүшүн өтө кооз чагылдырган: Атчан адам бурулуп, кол салганы жаткан жолборсту жаа менен атып жатат, бир нече илбирстер, бугулар жана жапайы камандар атчандын алдында качып жүрөт»[1]. Кызыктай үкү балыкты чукуп жаткан сүрөт матриархалдык доордогу аялдарга сыйынуунун көркөм чагылдырылышы болуп эсептелет. Ошондой эле сяцзясы эли оюп сүрөт тартуу өнөрү мүрзөнүн алдына тургузган таш айкелдерде да байкалат, Ак-Чий ооданынан табылган сяцзясыга тийиштүү таш айкелдердин каштары калың жана чоң көздөрү бар, сызыктары назик жана түзүлүшү орой келген. Ак-Чий оодандагы сяцзясы мүрзөлөрүнөн табылган алтын жасалгалардын арасында асманда эркин чуркаган таскактуу аттын элеси, бүркүт бугуну кармап жатканда, бүркүттүн канаты мыкты чеберчилик менен оюп түшүрүлгөн.

Азыркы кыргыздардын көркөм чыгармалары негизинен оюм-чийим өнөрчүлүгүнөн турат. Алардын мазмуну өтө бай, ар кандай түрлөрү бар, сырткы көрүнүшү кооз, жөнөкөй жана көрүнүктүү, таасирдүү, улуттук өзгөчөлүктөрү айкын жана турмуштук шарты кеңири чагыдырылган. Азыркы кыргыз элинин көркөм оюм-чийимдери негизинен кийизге, көшөгөгө, эшик жабдыка, жаздыкка, чапанга саймаланып же чапталган, айрымдары чий буюмдарга токулуп жана жыгачтан жасалган буюмдарга чегилип түшүрүлгөн. Колдонулуу багытына жана жергиликтүү өзгөчөлүктөргө жараша оймо-чиймелер ар түрдүү түстө болот, мындай өзгөчөлүктөр кайталангыс көркөм элестетүүнү чагылдырат. Кыргыз элдик оймо-чиймелер көбүнчө конкреттүү буюмдарда түшүрүлүп, колдонуучулук мүнөздөмөлөргө ээ.

[1] А.Л. Монгайт. «Советтик археология» (сегизинчи бөлүм), «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы, 1985, 45-б

1. Оймо-чийменин түрлөрү

Кыргыз элдик оймо-чиймелеринин төмөнкүдөй түрлөрү бар: Жапайы жана үй жаныбарлары: негизинен ар кандай жапайы жана үй жаныбарларынын тулкусу же кандайдыр бир мүчөсү, мисалы, кой, ак илбирс, бугу, уй, ат, төө жана алардын башы, мүйүзү, куйругу ж.б. Канаттуулар жана курт-кумурскалар: бүркүт, улар, жапайы өрдөк, тоос, булбул, көгүчкөн, көпөлөк, чаян, жылан, балык жана алардын башы, таажысы, тырмактары, куйруктары, канаттары ж.б. Жаратылыш кубулуштары: Ар кандай жаратылыш кубулуштарын туюнтуу үчүн негизинен күн, ай, жылдыз, булут, тоо, суу толкундары, куюндар, жалын, жамгыр, кар ж.б. Бак-дарактар, гүлдөр жана чөптөр; бул түрдөгү оюм-чиймелердин түрү өтө кенен, өсүмдүктөрдүн жалбырагынан, сабагынан, мөмөсүнөн баштап куураганына чейин жана тамырына чейинки бардык бөлүгүн камтыйт. Мисалы, талдын бутактары, арча бутактары, жүзүм, анар гүлдөрү, бодо, адраспан, чий жана ар кандай өсүмдүктөрдүн оймо-чиймеси көп кездешет. Байыркы курал-жарактар жана шаймандар: негизинен байыркы аскер куралдары жана өндүрүш куралдары. Мисалы: бычак, найза, канжар, жаа, жебе ж.б. Геометриялык фигуралар: Үлгүлөр төрт бурчтук, тик бурчтук, көп бурчтук, үч бурчтук жана тегерекче сыяктуу түрдүү геометриялык фигураларды түзүү үчүн түз сызыктарды, ийри сызыктарды жана жаалар колдонулат. Күнүмдүк керектелүүчү буюмдар: мисалы, табак, аркан, саат, казан, чайнек, карапа, бөтөлкө ж.б. Кыргыздардын бул элдик оймо-чиймелеринин кээ бирлери байыркы тотемдик сыйынуу жана табиятка сыйынуудан келип чыкса, кээ бирлери турмуштун бардык тармагынан, өндүрүш, турмуш-тиричиликтен акырындап топтолуп келген. Бирок кандай түрлөрү колдонулбасын негизги максаты жасалгалоо жана адамдын жашоосун кооздоп жакшыртуу болгон.

2. Сайма саюу, токуу өнөрү

Кыргыз аялдары түстүү жоон жана ичке жүн, алтын жибек, пахта жиптерин колдонушкан, саймачылык «Кеште» же «Таар» деп аталган көз жоосун алган кол өнөрчүлүк буюмдар, негизинен жасалгалоо же сатуу үчүн сайма сайышкан. Саймачылык ыкмаларына негизинен басма сайма, жормо сайма, илме сайма, өрмө сайма, шуру сайма, тор сайма, чыраш сайма, кайчылаш сайма ж.б. кирет. Негизги буюмдар саймалуу баркыт жууркан, саймалуу кап, көшөгө, туш кийиз, күзгү-тарак кап, кездеме кур, сүлгү, жоолук, бет аарчы жана шейшеп, жаздык кап, кийим жана баш кийим, байпак жана башкалар кирет. Саймачылык кол өнөрчүлүктүн ичинен туш кийиз улуттук өзгөчөлүккө ээ, дубалга тартылуучу буюм болуп саналат. Малчылык жана жарым дыйканчылык жарым малчылык менен алектенген аймактарда таар көшөгөлөр жана саймалуу көшөгөлөр көп колдонулат, ал эми дыйканчылык менен алектенген аймакта кездемеге түр түшүрүлгөн көшөгөлөр пайдаланылат. Таар көшөгөлөр гүл түрүндөгү көп түстүү кездемеден чапталып жасалат. Көшөгө гүлдөрдүн, тоолордун, бак-дарактардын (негизинен карагай, кайың) оймо-чиймелери түшүрүлүп, айланасына кара баркыттан жээги тигилет. Кездемеге түр түшүрүлгөн көшөгөгө жыгач калып үлгүсү (негизинен карагай, кайың, жаңгак тамыры) колдонулуп, канаттуулардын, кыргоолдордун, бүркүттөрдүн, козулардын, ботонун, эчкилердин элесин түркүн түстүү оймо-чиймелер менен берилген. Мындан тышкары, Шинжаңдагы Кашкар, Жаңсар, Жеркен, Хотан аймагындагы кыргыздар, уйгурлардын түр түшүрүлгөн чайнек, табак, тазик жана башка оймо-чиймелери бар кенен көшөгөлөрдү да колдонушат. Кыргыздын көшөгөлөрү колдонуучу буюм гана эмес, ошондой эле адамдардын көркөм кызыгуусун жараткан ички жасалгалоочу буюм болуп саналат.

Кыргыз элинин саймачылык чеберчилигиндеги оймочиймелер салттуу жана заманбап темаларды камтыйт, салттуу темалар басымдуулук кылат. Салттуу темалардын оймо-чиймелерин негизинен тоо, суу, канаттуулар, айбанаттар, бычак, мылтык, кылыч, калбыр, көк асман, ак булуттар ж.б. түзөт, негизинен аңчылык жана аскердик сүрөттөр. Заманбап темалардын оймо-чиймелери негизинен бак-дарактардан, гүлдөрдөн, имараттардан түзүлүп, алар негизинен заманбап өндүрүштү жана жашоону чагылдырат. Оймо-чиймелери кооз, өңдөрү шайкеш, түстөрү ачык, түзүлүшү турмушка жакын келип адамдарга жылуу жана жөнөкөй сезимдерди тартуулайт. Кыргыздардын саймачылык өнөрүндө байыркы көчмөндөрдүн салттуу маданиятынын калдыктары толук бойдон сакталган. Бернштам муну мындайча жалпылаган: «Кыргыздар эзелтеден эле асыл өнөрчүлүгүн сактай алган, алгачкы реалисттик мазмунга ээ, скифтердин искусствосу жана эстетикалык концепциясы элдин таламдарына ылайык келип, анын негизинде өнүгүп, баяндоочу өзгөчөлүктөргө ээ болгон өзүнүн кайталангыс жана жандуу саймачылык өнөрүн калыптандырган»[1].

Кыргыздар саймаларды көбүнчө күнүмдүк керектелүүчү буюмдарга сайышкан, аны кыргыз аялдары өздөрү сайма сайып, үй-бүлө же тууган-туушкандарына белек катары беришкен, базарда көп сатышпайт. Саймаланган буюмдар: кийим кап, ар кандай буюмдар салынган кап, тарак-күзгү кап, табак кап, тамак-аш кабы, баштыкча, тамеки баштыкчасы, капчыктар, казандын төшөмү, табак төшөмү, олпок, ээр төшөмү жана ат жабдыктары, кол аарчы, жакалар, жеңдер, курлар, шым кыры, төшөк асты, жаздык, калпак, такыя, терезе парда, эшик парда ж.б.

Саймалуу килемдер – бардык оймо-чиймелер менен саймаланган кооз буюм. Кадимки шарттарда саймалуу килемдин эки капталы жана үстүнкү бөлүгү ийне менен сайма сайылат, ортосунда бир же эки-үч бурчтуу келген көчөт болот, чеберлер оймо-чиймелердин тили менен үч бурчтук көчөттө Умай эненин же уламыштардагы ар түрдүү жаныбарларды сүрөттөшөт. Умай эненин көчөтү көбүнчө саймалуу килемде жана алтын-күмүш жасалгалардын бетинде кездешет. Кыргыз эли аны адамзаттын бай өнүмдөрүнүн жана сансыз байлыктарынын ээси катары көрүшөт, тоо менен суунун, коломтонун калканы, наристелердин жана жаш балдардын сакчысы катары баалашат. Кээде Умай энени Батма-Зуура деп да аташат. Бул белги түрк элдеринин арасында кеңири тараган.

Чеберлер килем сайууда өздөрүнүн кичи мекенинин кара койдун жүнүн тандашат. Анткени жүн жиптин түсүнүн ар түрдүүлүгү менен кара койдун жүнү түрдүү оймо-чиймелер менен чырмалышып, саймалуу килем өтө кооз болуп чыга келет. Бул саймалуу оймо-чиймелерди ар түрдүү, көз жоосун алган жана көрктүү кылат. Саймалуу килемдердин негизги көчөттөрү: Табиятты чагылдырган күн, ай жаңысы, булак, суу айлампасы; Түрүү жандыктар беш бармак, шакекче бар бармак, койдун мүйүзү, улар, бугу мүйүзү, ат таканын изи, ит куйругу, жылан, көгүчкөн ж.б.; Өсүмдүктөр ак гүл, лотос, пахта, жалбырак ж.б.; Тиричилик буюмдары аттын такасы, мончок жип, тумар, боз үйдүн түндүгү, аркан, көөкөр, ай балта, кашык ж.б. Кыргыздын саймачылык өнөрүндө жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн чагылдырган оймо-чиймелер артыкчылыкка ээ экенин көрөбүз. Саймалуу килемдерде сырдуу дүйнөнү, баатырлардын элесин чагылдырган көчөттөр сейрек кездешсе да, жок деп айтууга болбойт. Чеберлер Умай эне, канаттуу ат, кызыктуу куштар, ажыдаар, феникс жана башка мифтердеги баатырлардын көчөттөрүн чагылдырышат. Бул көчөттөр саймалуу килемдерде гана эмес, башка жергиликтүү буюмдарда көп кездешет. Мисалы, сөйкө, тумар, шакек, билерик, күмүш буюмдар, жер килемдер ж.б. Ар кандай баатырлардын элестери, элдик жомоктор, уламыштар чеберлерге жана усталарга күчтүү чыгармачылык дем берет.

Кыргыздардын саймаларында жаныбарлардын көчөттөрү көп кездешет. Алардын көбү айгыр, кочкор, теке, топоз, эркек төө сыяктуу колго үйрөтүлгөн малдар. Саймачылыкта кочкор, топоз, текенин мүйүздөрү, төөнүн эки өркөчү, күлүк жылкылардын чуркаган элестери даана чагылдырылган. Жапайы жаныбарлардан теке, аркар, бугу, бүркүт, тоос, үкү, көгүчкөн ж.б. элестери абдан көрүнүктүү саймаланган. Кыргыз элинин тиричилик каадасалтына байланыштуу маалыматтарга караганда, жапайы жаныбарлардын арасында бугуларга болгон терең жана кастарлоо сезими бар. Ошондуктан мүрзөгө же мазарга бугунун мүйүзүн коюу салты ушул күнгө чейин сакталып келет. Кол өнөрчүлүктө көчөттөрдүн элеси катары көбүнчө жаныбарлардын мүйүздөрүн колдонуу кеңири тараган жана колдонуунун жыштыгы да өтө жогору. Кочкор мүйүзү деп аталган көчөт, академиялык чөйрөдө кыргыз элинин тотемдик ишенимине байланыштуу деп айтылат. Мындан тыянак чыгарсак, «жаныбарлар элеси» бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышы, Эне-Сай маданиятынын баскычында кыргыздарда калыптанган тотемизм түшүнүгүнүн улангандыгын ачык көрсөтүп турат. Кыргыздын улуттук сайма өнөрүнүндөгү илме сайма менен көбүнчө бет аарчынын төрт бурчуна гүл сайма сайылат, анын четине тордоп тигилген ак же кызыл түстөгү илмек бар.

Кыз менен жигиттин ортосунда сүйүү жаралганда, кыз тымызын бет аарчыга сайма сайып, сүйүктүүсүнө белек катары берген.

Кыргыздын кыз-келиндери баары сайма сайгандын чеберлери. «Туш кийиз» – алардын салттуу саймачылык чеберчилигинде эң көрүнүктүүсү. Туш кийиз – бөлмөнүн ички дубалын кооздоо үчүн колдонулат. Анын узак тарыхы бар, эң жогорку чеберчиликке ээ, жайлоонун элеси мыкты чагылдырылган, кайталангыс улуттук мүнөздө болот. Бул жайлоодогу жайыт аймагындагы жана шаардын тургундары үчүн эң жакшы үй жасалгасы. Салттуу Туш кийиздин туурасы жарым метрлик болгон кара баркыттан чети жээктелет, кызыл, кызгылт көк, жашыл жибек баркыт кездемеден тигилет. Кыргыз кыз-келиндери чебер колдору менен туурасы жарым метрлик кара баркытка түрдүү түстөгү жибек жиптер менен сайма сайышат. Көчөттөрү негизинен канаттуулардын канаттары, жаныбарлардын мүйүздөрү, тоолор жана дарыялар, гүлдөр жана бак-дарактар. Негизинен кыздар 7-8 жашка чыкканда энесинен, эжесинен, жеңесинен сайма сайуу, токуу, кийиз жасоо өнөрүн үйрөнүшү керек, ал эми саймачылыкты сөзсүз түрдө үйрөнүшү керек. Кыздар алгач ар кандай кездемелерге, бет аарчынын жээктерине оймо-чиймелер менен кооз көчөттөрдү сайышып, өзүнүн сүйүүсүн билдиришкен. Никеге турган кыз өз колу менен сайма сайып өзгөчө туш кийизди себине даярдашы керек. Мындай туш кийиз өтө кылдаттык менен саймаланып, оймо-чиймелери көп, өңү ачык келип, кыздын бардык түйшүктүү аракетин жана акылмандыгын көрсөтүп турат.

Кыргыздар да түстүү жүн жибинен жана чийден ар кандай күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды токушат. Мисалы: канат чий, эшик парда, себет ж.б. Алардын ичинен ашканадагы чий жабуулары жана эшик пардалары ар түрдүү түстөгү жүндөн жаа жана жебе, тегерек, чарчы, үч бурчтук, түз ийри, ийри-буйру сызыктар сыяктуу көчөттөрдү беришет. Мындай парда кыргыздарда «Кырма чыгдан» деп аталат. Мындан тышкары, куш канатынан жабуу да бар, анда канаттуулардын элеси менен катар күндүн, айдын, жылдыздардын, гүлдөрдүн, бак-дарактардын, чөптөрдүн көчөттөрү бар.

Чий-жаратылыштын усталарга тартуулаган белеги болуп саналат, ал кыргыз жайлоосунда жана тоолуу аймактарында кездешүүчү суукка чыдамдуу өсүмдүк. Жыл сайын сентябрь айында кыргыз чабандары тоолордогу чий тамырын жулуп, бир нече күн күнгө жайышат, кургагандан кийин терисин сыйрып, тамырынын учун алып, керек болгон узундукта кесип, андан кийин ар кандай түстөгү жиптер менен оймо-чиймелерди түшүрүп, боз үйдүн эшик чий, канат чий, уктоочу бөлмөнү жана ашкананын бөлүүчү чыгданды жасашат, курут кургатуу үчүн да чий колдонулат, чөп боолору жана койлорду байлаган жиптер да чийден даярдалат. Чий пардасында кызыл жана көк түстөр басымдуулук кылат, бул түстөр аны көрктүү кылат. Көпчүлүк учурларда ак, кара, сары жана жашыл түстөрдү кошумча түстөр катары колдонулат. Кыргыз улутунун чий токумундагы көчөттөр негизинен сайма гүлдүү кийиздер менен окшош келет, бирок чий токумундагы көчөттөрдү жандуу көрсөтүү үчүн өзгөчө токуу ыкмасы колдонулат. Алар чий менен эшик пардаларын токуп, канаттуулар менен жырткычтар, бийик тоо шаркыратмалары, капталында булуттар жана толкундар сүзгөн, эки метрге жетпеген эшик көшөгөсүн жасашат, анда жаратылыштын көптөгөн кооз көчөттөрү берилет. Боз үйдүн канат чийи – алардын өз көркөм өнөрүн тартуулай турган кең мейкиндик. Узундугу он метрдей келген тосмодо кыргыздын бийик тоолуу жайлоолорун жана кыргыз элинин бүткүл жашоосун чагылдырат. Анын ортосунда чуркаган аттар, жайылган музоолор, шаркырап аккан дарыялар, жайнаган үйүр малдар, чөптөр, учуп бараткан тоо бүркүттөрү менен торуктар, тоонун кырында чуркаган аркалар менен жапайы бугулар чагылдырылат, чыгдан чийде ак карлуу тоо, дарыя, жайлоо, боз үйдүн көчөттөрү түшүрүлөт. Атүгүл эң жөнөкөй кургатуу үчүн колдонулган сокмолордо да булуттар, канаттуулар, айбандар, курт-кумурскалар жана балыктардын көчөттөрү менен кооздолот. Кыргыздын чий сокмолору, азыркы жибек кездемелерден кем калышпайт. Чийден ар кандай көчөттөрдү токушат, анын сызыктары так, шайкеш келген түркүн түстөрү көз жоосун алат, кооз сайма жана сүрөт менен салыштырууга да болот. Кыргыз элинин жайыт жеринде кайсыл малчынын боз үйүнө кирбеңиз, чийден токулган буюмдар, алтын баркыт, жибек кездемелерден жасалган килемче, туш кийиздер жандуу сүрөттөй болуп, адамдарга ырахат тартуулайт. Кыргыздарда башка өсүмдүктөргө караганда чий алда канча баалуу келет, аны эзелтен бери жакшы көрүшөт жана ал тууралуу өзгөчө бир уламыш бар: Кайсы бир кездерде, кыргыздын Манас баатырына чийдин чоң жардамы тийген деп айтылат. Манас согушта калмактарды кууп бара жатканда, үзөңгүнү катуу басып, ат үстүндө туруп, атты камчы менен чаап душманды кууп жөнөйт, бирок ашыкча күчтүн айынан өтүктүн таманы ыргып кетет. Ошондо Манас жол боюндагы жайнаган чийлерди көрүп, аттан түшө калып, жоон жана бышык чий менен өтүгүнүн таманын тигип, кайрадан атка минип душманды кууп жөнөйт. Согуш бүткөндө Манас жолдошторуна бул окуяны айтып берет, өтүгүн чечип караса чий менен тигилген өтүктүн таманы бекем бойдон калган болот. Ошондон бери чий жүз эсе баалуу болуп, кыргыздар жашаган аймактарды чийдин аты менен атаган жерлер көбөйүп (Ак-Чий), чийден жасалган ар кандай өндүрүш жана тиричилик буюмдары барган сайын кеңири жайыла баштаган.

Килем – колго токулган үй ичин жасалгалоочу буюм, көчөттөрдүн жана оюмдардын бөлүштүрүүсү, жайгашуусу сайма кийизге караганда айырмаланып турат. Айырмачылыктардын бири оймо-чиймелердин бурчтары тик бурчтук түрүндө басылат. Түштүк аймактагы кыргыздар килем токууда негизинен кош мүйүз, кочкор мүйүз, жалгыз мүйүз, кабырга, омуртка, ат өөк жана башка мал чарбачылыгына байланыштуу көчөттөрдү көп колдонушат. Канаттуулардын элесин чагылдырган жапайы каз, куш канаттары, бүркүт, чабалекей жана башка көчөттөрү бар. Ошондой эле ит таманы, ит куйругу, бадам, ай гүлү, лотос, пахта, жүзүм, дарак, чакмак, гүл мончок, көөкөр, тумар, кишен да килем көчөттөрү болуп саналат. Килемдин туруктуу өзгөчөлүктөрү бар, түстөрү бири-бирине айкалышып, көчөттөрү өз ара келишип улуттук көркөм мурастын ичинен эң көрүнүктүүсү.

Кыргыздардын куржуну жүндөн тигилет, ар кандай түрү бар жана колдонуу жолдору да ар башкача. Аттын белине байланган, киши асынган, дубалга илинген куржундар бар, кээ бирлери саякатка чыкканда пайдаланылат. Өлчөмүнө карабастан, токуу жана тигүүсү тыкан жана кооз келет. Негизги жиби төөнүн чыйратылган жибинен жасалат, ал эми аркагы жети түстүүгө боёлгон койдун жибинен ар түрдүү оймо-чиймелер токулат. Куржун-күнүмдүк керектелүүчү буюм гана эмес, ошондой эле эң кооз өнөрчүлүк менен жасалган буюм. Жаңы үйлөнгөндөрдүн ат үстүнө байланган куржунунда көбүнчө кыздардын себи салынган. Төөнүн аркасына артылган куржунга бардык төшөнчүлөрдү, кийимдерди, тамак-аштарды, идиш-аяктарды ж.б. салышкан, ал эми адам көтөргөн куржун тамак салыш үчүн колдонулат.

Кыргыздын өрмөчүлүгүндө «Кажар» деп аталган түрү бар. Кыргыз аялдары ар түрдү түскө боёлгон кой жүнүнөн чыйратылган жиптен жасалган жоон жиптүү оймолору болот. Негизинен туурасы болжол менен 30-40 см, көчөттөрү бүркүт, кочкор мүйүз, ит туяк, чычкан изи, буудай ж.б. берилет. Ат жабдыктары, ат жабуу, жем баштыкча сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды тигүү үчүн колдонулат. Ошондой эле боз үйдүн канат-уук боолору да жасалат.

[1] А. Н. Бернштам. «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер», 2004,35-б.

3. Кийиз өнөрчүлүгү

Кыргыздардын кийиз буюмдарына ала кийиз, карала кийиз, шырдак кирет. Ала кийиз, карала кийиз да койдун жүнүнөн жасалат. Ала кийизден негизинен боз үй, килем, калпак, байпак жасалат. Карала кийизден ээр тердигинин, бешиктин, кийим-кеченин жана башкалардын ичиктери. Шырдактын ичигилиги карала кийизден жасалып, андан соң түрдүү түскө боёлгон кийизден ар түрдүү оймо-чиймелер кесилип, кара кийизге тигилет, кооз жана бышык келет.

Кыргыз улутунун шырдагы бышыктыгы, ажайып түсү жана кооз оймо-чиймелери менен бүткүл Шинжаңга белгилүү, бардык улуттар абдан жакшы көрүшөт. Бул кооз жана бышык келген шырдактар кыргыз аялдарынын колунан жаралат. Алар баскан кийиз жука жана жылмакай, ал эми шырдак жазгы жайлоодой жаркырап, түркүн түстүү келип көздүн жоосун алат. Кыргыз кыз-келиндери жасаган шырдактын жасоо иштери оор жана кылдаттыкты талап кылат, ошол эле учурда кызыктуу. Алар алгач койдун жүнүн түсүнө, калыңдыгына карап бөлүп алышат, калың жүндү майдалап тытып соболоп ичке жип ийрилет. Андан соң басылган кийизди жана ийилген жипти ар кандай ачык түстөргө боёп, анан ичигилиги катары кара кийизди колдонуп, кылдаттык менен түстүү кийизден ар кандай түскө жараша оймо-чиймени кесип алып, андан кийин түрдүү түстөгү жиптер менен оюм-чийим ичигиликке тигилет, акырында бир бүтүн кооз көрүнүш пайда болот. Кыргыз аялдары жасаган шырдактардын оймо-чиймелер көп мазмунду камтыйт. Негизги оймолору бычак, мылтык, кылыч, калбыр сыяктуу байыркы курал-жарактар, ошондой эле бүркүт, тоо, суу, булут, түрдүү жаныбарлар да бар. Кыркып алган оймолордон ар кандай көчөттөрдү жаратышат, алар шырдакка өзгөчө көрк берет. Кыргыз шырдагынын негизги көрүнүшү мындай: Кызыл калың келген жүн жибинен толкундар тигилет, ал шырдактын жээги, Кызыл-Суу дарыяны. Кызыл-Суу дарыянын жээгинде ак жана жашыл түстөгү, кесилген үч бурчтуктар тыкан тизилип, ак карлуу тоолорду жана жашыл тоолорду чагылдырат. Бүркүттүн сымбаттуу турпаты кочкул кызыл түстөн кыркылып, канаттарын жайып тоонун чокусунда туруп, түстүү кездемеден тигилген же кыркылган булуттар асман тиреген тоолордун үстүндө, көк асманда калкып жүрөт. Шырдактын ортосунда байыркы жүрүштөгү аскер чатырынын чоң жана көрктүү төбөсү, анын айланасында уй, кой, ат жана төөлөр оттоп жүрөт, ал эми сырткы чети бычак, мылтык, кылыч, калбыр бар. Мындай шырдактын көрүнүшү кыргыз элинин тарыхын жана жашоосун баяндайт. Кызыл-Суу дарыясынын жээгинде, Музтаг-Ата (Музтоо-Ата) тоосунун астында эмгекчил жана эр жүрөк кыргыз малчылары жашайт, алар бүркүт сымал Памир тоолорунда жана тоо ортосундагы жайлоодо калкып учуп жүрүшөт, уй жана койлору жайылып жүрөт. Бул жер алардын кооз жана берекелүү мекени, кыргыздар эр жүрөктүүлүк жана акылмандык менен өзүнүн кооз үйүн курушуп жана коргоп келе жатышат. Кыргыз аялдары өздөрүнүн эптүү колдору менен түркүн түстүү буюмдарды жаратышып, үлгүлөрдү жаратышат, ал эми сүрөтчүлөр кыргыз аялдарынын көркөм турмушун музыка, бий, көркөм сүрөт жана искусствонун башка түрлөрүн жараткан. Кийиз тигүү жана кийиз басуу кыймылдары кыргыз бийинин негизги мазмунуна айланган. Мындан тышкары, кыргыз аялдарынын жашоосун чагылдырган, дээрлик бардык бийлер кийиз жасоо, сайма сайуу, кийиз басуу кыймылдарынан турат. Кыргыздардын кийиз тигүү бийи кыргыз аялдарынын кийиз жасоо ыкмаларын гана чагылдырбастан, алардын эмгекке болгон сүйүүсүн, өз жерине болгон сүйүүсүн, акылмандыгын, тапкычтыгынын көркөм элесин да айкындайт. Бийде жандуу жана кызыктуу кыймылдар колдонулуп, кыргыз аялдарынын өндүрүшүн, жашоо-турмушун жана жаңы рухий көз карашын чагылдырат.

4. Жыгачтан жасалган буюмдар

Кыргыздардын жыгаччылык өнөрү байыртадан бери келе жатат. Хань династиясына чейинки, археологдордун байыркы мүрзөлөрдөгү казуулары боюнча, байыркы кыргыздар жыгач үйлөрдө жашабастан, анын ичинде жыгачтан жасалган үстөлдөр, жыгач отургучтар, жана башка үй эмеректери, жыгачтан жасалган тиричилик буюмдары да болгон. Айрыкча мүрзөлөрдүн арасынан чыккан көп чабактуу төрт дөңгөлөктүү жыгач араба, мындай жыгач арабада металл материалдары колдонулган эмес, тетиктери жыгач жана кайыш менен бириктирилген. Жасоо технологиясы өтө кылдат болгон.

Таң династиясында кыргыздардын жыгач устачылыгы өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте гана колдонулбастан, согушта да колдонулган. «Тайпин доорунун географиялык жазуулары: Сяцзясы баянда» төмөнкүлөр камтылган: «Атчан аскерлери колу-буттарын жыгач калкандар менен калкалашат; ошондой эле, ийиндерине жебенин учунан, кылычтын мизинен сактай турган тегерек жабуу жабышат» деп жазылган. Мындай жыгачтан жасалган аскерлердин өзгөчө калкан жана соот-шаймандары, түндүктөгү көчмөн улуттарда салыштырмалуу сейрек кездешет.

Кыргыздардын күнүмдүк турмушунда жыгачтан жасалган идиштер көбүрөөк кездешет. «Юань династиясынын тарыхы: Географиялык сереп, түндүк-батыш аймактын тиркемесинде» мындай жазылган: «Ал кездеги кыргыздар «элдик үрп-адаттарда мажүрүм талдан чыны, идиш-аяк» колдонушат. Азыркы заманга чейин кыргыздар колдонгон табак, кашык, чөмүч, тарелка жана башкалар жыгачтан жасалган. Азыркы кыргыздардын жыгач буюмдары кылдаттык менен жасалган, узун чоң жыгач чөйчөк, сүйрү чоң жыгач чөйчөк, тоголок жана терең келген чыны тегиз оюлуп, ар кандай оймо-чиймелер менен кооздолуп абдан кооз көрүнөт. Кээ бир жыгач чөйчөктөргө жылтырак түс берүү үчүн ачык лак менен боёлгон, кара лак менен ачык табактарды боёшкон, ар кандай кызыл гүлдөрдү тартышып, гүлдүн жээктерин алтын сымал түскө боёшкон, малчылар абдан жакшы көрүшкөн.

Андан тышкары, жыгачтан жасалган буюмдар чоң мааниге ээ болгон. Алар анын тиричиликте колдонуусун гана баалабастан, анын көркөмдүгүнө да чоң маани беришкен. Кызыл карагайдын, кайыңдын, арчанын, талдын тамырынан эмерек, идиш-аяк, музыкалык аспаптар, ат жабдыктар, араба, чана ж.б. жасашкан. Бул жыгач идиштердин сырткы көрүнүшү кооз жана чеберчилик менен жасалган, көтөрүүгө ыңгайлуу жана бышык болгон. Идиш-аяктарга ар кандай оймо-чиймелерди оюп түшүрүп, басып жана боёшкон. Боз үйдүн жыгачтары кереге, уук, түндүк, жыгач тамдын кыркасы, устуну, кырбуу, тосмолоруна, жээктерине, тоо кыркаларына, керегелерине, ууктарына, эшик капкагы, эшик алкагы, терезе алкагы, түркүк жана башкаларда чакмак, ийри-буйру, үч бурчтук, төрт бурчтук сыяктуу оймо-чиймелер оюп түшүрүлгөн, ошондой эле жылдыздар, канаттуулардын жана айбандардын элеси тартылган. Кыргыздардын үй эмеректеринин ичинен катуу жыгачтан жасалган чоң, кичине жыгач сандыктар өзгөчө. Алар сандыктын бетине түркүн түстүү күн, ай жана жылдыз, төө, эчки, тоо, чекилдек, дарыя агымдарын жана башкалардын сүрөтүн оюп түшүрүшкөн. Ошондой эле жыгачтан жасалган идишаяктардын түрлөрү көп. Жыгач туткачтуу чөйчөк, кара чөйчөк, лакталган чөйчөк, оюп жасалган табак, сүйрү чоң табак, түстүү идиштер, түстүү табак, түстүү кашык, ак кашык, бал кашык, чай кашык, казан кашык, кымыз бышкан бишкек ж.б. Алардын ичинен лакталган чөйчөк, түстүү табак, түстүү кашык лакталып, аларга ар кандай оюм-чийимдер тартылат.

Кыргыздарда «Ат – адамдын канаты» деген макал бар, алардын күнүмдүк турмушу, өзгөчө мал кайтарганга чыкканда ат керек. Ошондуктан жыгачтан ар кандай ээр шаймандарын жасашат. Ээрлердин түрлөрү бүркүттүн томогосундай келет, алдыңкы кашы сүйрү, арткы кашы тегерек, алдыңкы кашы шынаа сымал, арткы кашы сүйрү же «x» түрүндө жөнөкөй ээр. Ээрдин үстүндө металлдардан кештелип же оюп түшүрүлгөн ыкма менен учкан булуттар, жамгыр, суу айлампа, найза, жебе сыяктуулардын көчөттөрү түшүрүлөи. Айрыкча бүркүттүн томогосундай ээр, адамга тоонун чокусунда туруп, канатын жайып, учканга даяр турган бүркүттүн элесин берет.

Дыйканчылык аймактарда жашаган кыргыздар тал, теректерден эки дөңгөлөктүү араба, эки дөңгөлөктүү чүмбөттүү замбил, төрт дөңгөлөктүү араба, чана жасашкан. Алар дөңгөлөккө, тик жана жалпак жагына дандар, дарактар, чымчыктар, геометриялык оймо-чиймелерди оюп түшүрүшкөн. Айрыкча эки дөңгөлөктүү чүмбөттүү замбил, кытайлардын паланкинине абдан окшош. Пардаларда түрдүү ачык түстөгү оймо-чиймелер жана көчөттөр түшүрүлгөн.

Кыргыздардын жыгачтан жасалган бешиги, өтө чоң чеберчилик менен жасалат, улуттук өзгөчөлүктөрү күчтүү. Бешиктин алдыңкы жана арткы алкактары дого сымал ийилген жазы жыгачтардан болот, алдыңкы алкагынын үстү жагында гүл таажыга окшош жыгачтан оюп түшүрүлгөн оймо-чиймелер бар, сабы көбүнчө жумуру түрүндө же бир тал жыгач мончоктору бар узун таякча, сүлдөрдүк жана алкагынын жээгине түрдүү түстүү оюмдар түшүрүлөт. Байыркы бешиктин дагы бир түрү бар, азыркы учурда колдонулуп жаткан бешик менен дээрлик бирдей, бирок байыркы бешиктин алдыңкы алкагынын үстү жагында алп ажыдаардын башы же карышкырдын башы түшүрүлгөн, төрт буту ат такага окшош болгон, сабы ажыдаардын тулкусундай, арткы алкагында ажыдаардын буту же куйругу түшүрүлгөн. Бешиктин төрт четинде чычкан, уй, жолборс, коён, ажыдаар, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, доңуз ж.б. 12 жыл мүчөлөрү же 12 зодиак белгилери: кой, букачар, эгиздер, бөйөн, арстан, бийкеч, тараза, чаян, текечер, суу куяр, балык түшүрүлгөн. Карыялардын айтымында, бул балдардын жашын эсептөө, туулган күнүн, төлгө салуу үчүн колдонулган. Кыргыз элинин салттык ишеними боюнча; чычкан жылы төрөлгөндөр кыраакы, уй жылында чыдамкай, жолборс жылында таалайлуу, коён жылында сезимтал, ажыдаар жылында бакыттуу, жылан жылында сулуу, жылкы жылында ийгиликтүү, кой жылында чынчыл, маймыл жылында акылман, тоок жылында акылдуу, ит жылында эр жүрөк, доңуз жылында ак ниеттүү балдар төрөлөт. Мындан тышкары чычкан, уй, жолборс, маймыл жылында эркектер көп төрөлөт, ал эми ажыдаар, коён, жылан, тоок жылында кыздар көп төрөлөт деген да пикир айтылып келет. Албетте, бул көз караштын илимий негизи жок. Кыскасы, кыргыздын бешиги жана анын оймо-чиймелери, тиричиликте колдонуу маанидеги көркөм байлыгы гана эмес, алардын салттуу көз караштарын да чагылдырат.

5. Териден иштетилген буюмдар

Кыргыздардын тери иштетүү технологиясы бир кыйла жогору, аңчылык менен алектенген уруулардын тери иштетүү технологиясы андан да жогорку деңгээлде. Хань династиясына чейинки байыркы мүрзөлөрдү казуусуна караганда, байыркы кыргыздардын күнүмдүк керектөөлөрүнүн көп бөлүгүн териден жасалган буюмдар түзгөн, кийимдердин жасалгалоосунан баштап тиричилик буюмдарынын баары териден жасалган. Өндүрүштө жана унаа каражатында дагы териден иштетилген буюмдар бар. Мисалы, ар кандай жыгачтан жасалган шаймандардын тетиктерин туташтыруу үчүн металл материалдардын ордуна тери колдонулган; Лыжа жылмакай болушу үчүн түбүнө терини коюшкан; Булгаарыдан дап, комуз жана башка музыкалык аспаптардын каптоолору жасалган. Азыркы кыргыздарда күнүмдүк турмушта керектелген буюмдарды өндүрүүдө тери жана булгаарыдан жасалган буюмдар дагы эле үстөмдүк кылат, терини кайра иштетүү технологиясы дагы жогорку деңгээлге көтөрүлгөн.

Кыргыз усталары жаныбарлардын терисин иштетип, күнүмдүк турмушта кеңири колдонушат. Элдик усталар чеберчилик менен булгаарыдан көнөк, көнөчөк, көөкөр жана башка идиштерди жасашкан. Көнөк бээ сааганда, кымыз ачытканда колдонушкан, көөкөр жана көнөчөккө сүт, айран, кымыз куйса болот. Улуу муундун мындай деген накыл кеби бар: «Жакшы көөкөр көчтүн көркү». Көөкөрдөгү оюмдар адамдардын көз жоосун алат. Көөкөр жасаш үчүн жакшы булгаары тандалат, бетине оюмдарды түшүрүп, бир нече ат куйругун алып, ийнеге өткөзүп четтери тигилет. Көөкөр тигилгенден кийин, сөөк же жезди чөгөргөндөн кийин түшкөн шөкөттөрдүн формасы менен ар кандан оюмдарды түшүрүшкөн. Мындай кооз көөкөргө көчкөндөй же конок тоскондо кымыз куюлган, бул кыргыздын меймандостугун жана баатырдыгынын белгиси.

Кыргыздардын булгаарыдан жасалган кол өнөрчүлүгү негизинен чаптама ыкмасы менен алтын-күмүш, зергер буюмдарды басмарлап түшүрүшкөн, ар кандай оймолор да түшүрүлгөн, мындай ыкма менен жасалган буюмдарга өтүк, бут кийимдер, кур, кын, капчык, бүркүт учуна кийгизгич, музыкалык аспаптын жабуулары, ат жабдыктары жана башкалар кирет. Кындын оюму өзгөчө, мыкты чеберчилик менен жасалган, ал чет өлкөдө да белгилүү, ал бычактын түрү боюнча, түз, көгүчкөн тумшук, жебе жана башка болуп бөлүнөт. Капчык, бүркүт учу, музыкалык аспаптардын жабуусу кызыл, сары жана жашыл түстөрдөн бышырылган же ийленген булгаарыдан жасалат, бетине алтын, күмүш шакекчелер, жез топчу, асыл таштар бастырылат, бүркүт, көгүчкөн, күкүк ж.б. оюп түшүрүлөт. Айрыкча бүркүт учу кооз жана өзгөчө оюм-чийими болот, кээ бирлери бермет менен да кооздолот.

Кыргыздын булгаарыдан жасалган кемер куру сырткы көрүнүшү боюнча алтын шакекти элестетет. Булгаары бетине буркан, бүркүт, суу айлампа жана тоо сыяктуулар бастырылып же оюп түшүрүлгөн. Жезден жасалган ок тегерекче чабылган кур, алтын шөкөт чабылган кур, асыл таштар менен кооздолгон кур, оймо түшүрүлгөн курлар бар. Шөкөттөр көбүнчө төрт чарчы, жезден жана катуу темирден жасалып, жылдызчаланган көрчөгө урулат, канаттуулардын канаттары жана гүл таажы сыяктуу сүрөттөр түшүрүлөт.

Кыргыздар ат жабдыктарына өзгөчө маани берип, аны жакшы көрүшөт, алар калың жана ичке булгаарыдан ээр, жүгөн, куюшкан, басмайыл, үзөңгү боо, көмөлдүрүк, чабалоң, тизгин, камчы жана башка ат жабдыктарын жасашат, аларды шөкөттөшөт, сынпостошот, оймо-чиймелерди оюшат. Айрыкча ээрдин бетине темир мык, жез мык көргөчөлөрдөн канаттууларды жана жаныбарларды, булуттарды жана шамалдарды, аккан суу, бадалдарды жана гүлдөрдү ж.б. чабышат, же ичке кайыштан үч бурчтук, тегерек, жарым ай түрүндөгү оймо-чиймелер жасашат. Көмөлдүрүк, куюшкан, үзөңгү боо жана жүгөндө күмүш же алтын бастырылып, бүркүт, жаа-жебе, жылдыз, жалбырак, таажы сыяктуулар куюп жасалат, андан тышкары күмүштөн тегерекче, үч жалбырактуу,таажы сымал кооздуктар түшүрүлөт. Байлар ээрдин кашына, жүгөнгө, ээрдин үстүнө лаал асыл ташын бастырышкан. Кыргыздарда эркек жана аялдын ат жабдыктары, ээрлери айырмаланып турат. Эркектер куштун башындай болгон ээрди, аялдар түз келген ээрди колдонушат. Ээр жыгачтан жасалат, төөнүн, уйдун, жылкынын териси менен капталат. Көмөлдүрүккө күмүш жасалгалары бастырылат, туурасы 10 см болгон оюу түшүрлгөн ат терисинен кур, ээр артка жылып кетпеши үчүн тагылат, ал эми чабалоң көрпөчөнү бекем кармап турат. Эркектер колдонгон үзөңгү боо топоз, уйдун жүнүнөн ийрилген жип менен тигилет, туурасы 10 см, аялдар үчүн үзөңгү боо жылкы терисинен жасалып, үстүнкү жарымына күмүш жасалгалары бастырылат, калган бөлүгү иштетилген жумшак келген уйдун терисинен жасалат. Эркектер колдонгон жүгөн иштетилген жумшак келген текенин же эчкинин терисинен токулат, аялдар колдонгон жүгөн туурасы 5 см, эки катмарлуу жылкы терисинен тигилет, күмүш жасалгалары бастырылат. Куюшкандын жасалышы жана жасалгоосу жүгөндүкүнө окшош. Көмөлдүрүк ээрдин алдыңкы жагына тартылат, ат дөбөгө чыкканда ээр тайгаланып кетпеши үчүн байланылат, жасалышы жүгөндүкүнө окшош, эркек, аялдыкы айырмаланып турат. Үзөңгү да эркектер менен аялдарыкы болуп айырмаланат. Эркектер кең тик бурчтуу темир үзөңгүнү колдонушат, көбүнчө тик бурчтуу же ромб түрүндө болот, көркөм оюм-чийимдер түшүрүлөт; аялдар кичинекей төрт бурчтуу же ромб түрүндөгү жез үзөңгүнү колдонушат, ага да көркөм оюм-чийимдер түшүрүлөт, үзөңгүнүн бети гүл бастырылып же асыл таштар менен кооздолот. Атка мингенде үзөңгүнүн астына тердик салынат, ал кара же көк түстө болот, койдун жүнүнөн жасалган кийизден тигилет, үстүнө сүрүлгөнгө чыдамдуу кайыш менен капталат. Эркектер колдонгону чоң жана калың, ал эми аялдардыкы кичинекей жана жука келет. Ат жабуунун капталдары көптөгөн майда күмүштөр менен кооздолгон, четтери кайыштан жасалган машактар менен кооздолгон. Кышында эркектер минген атына атайын жасалган жабууну, ал эми ат чабышка минген атка саймалуу ат жабууну колдонушат.

Кыргыздарда «Эр жигиттин ийрек жары, күлүк аты, камчысы бар болсо, ал жеңилбес» деп айтылган кеп бар. Кыргыздар үчүн камчы эң маанилүү экени көрүнүп турат, камчысы чеберчилик менен жасалат, жука булгаарыдан өрүлөт, камчынын сабы көбүнчө катуу жыгачтан жасалып, бир катмары тери менен капталат. Ар кандай асыл таштар, металлдар менен кооздолот же ар түрдүү кооз оймо-чиймелер түшүрүлөт, камчыны кармай турган жерине бир нече чачы чыгарылат. Кыргыз элинин каада-салты боюнча, камчыны боз үйдүн сол жагына, керегенин башына илинген, сыртка чыкканда колдонбосо, аны курга кыстарып коюшкан, камчыны силкип жана бут менен басууга болбойт. Кыргыздар көбүнчө камчысын оозуна тиштеп, каалоо тилешип же ант беришип, өздөрүнүн чын ыкыластуулугун жана чечкиндүүлүгүн да билдиришкен.

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮК.

ЭЛДИК МУЗЫКА ЖАНА БИЙ

Музыка жана бий-кыргыз элинин эң баалуу маданий мурастарынын бири. Таң династиясындагы сяцзясы элинин музыкасы жана бийи жогорку деңгээлге жетип, абдан белгилүү болгон. «Тайпин доорунун географиялык жазуулары: Сяцзясы баянында» мындай жазылган: Музыкалык аспаптардан добулбас, чоор, сыбызгы, керней, шылдырак; чоң жыйындарда төө жарыш, арстан бийи, ат өнөрү сыяктуулар көрсөтүлөт. Кээ бир кытай жазууларына ылайык, Хан династиясынын цянькунь аймагында үч кылдуу музыкалык аспап комуз тараган. Уламыш боюнча, бул аспапты Ван Чжаоцзюь (王昭君) пипанын негизинде окшоштуруп жасаткан. Сяцзясы бул аспапты Таң династиясына алым катары беришкен, ал эми Таң династиясы Жапонияга сыйлык катары тартуулаган. Таң династиясында сяцзясы массалык оюн-зоок иш-чараларын «Чоң жыйын» деп аташкан. Бул чоң жыйындарда сяцзясы ар кандай ыр-бийлерди, ошондой эле төө жарыш, арстан бийи жана ар кандай ат үстүндөгү оюндарды өткөрүшкөн. Бирок тарыхта болгон согуштар, жазуу менен диндин өзгөрүшүнө байланыштуу, кыргыздын элдик ырлары жана музыкасы (нота) тууралуу жазуулар өтө аз кездешет, көбү оозеки түрдө өтүп келген.

Кыргыздардын музыкалык өнөрү өнүккөн, бай музыкалык мурасы бар. Хань династиясына караган батыш чөлкөмдүн жана түндүктөгү уруулардын музыкасы жалпы «Хулардын музыкасы» деп аталган, кыргыздардын музыкасы анын бир бөлүгү болгон. Таң династиясында бул музыка императордук сарай музыкасынын катарына кирген. Таң династиясынын императордук сарай музыкасындагы он белгилүү музыкалык чыгармалардын арасына сяцзясынын музыкасы да болгон, ал «Гаочан музыкасынын» бир бөлүмү. Археологдор Шиңжандагы Турпандын батыш тарабындагы Гаочан байыркы шаардан 9-кылымдын башына таандык байыркы сүрөттү табышкан. Ал сүрөттө бир кичинекей бала чертип жаткан музыкалык аспап, бүгүнкү кыргыздардын комузу. Кыргыз музыкасы Гаочан музыкасында маанилүү орунду ээлейт. Кыргыз элинин улуттук музыкасы негизинен тоолорду, дарыяларды, токойлорду, жайыттарды, жайлоодогу көчтү даңазалайт жана сүйүү негизгиси темасы болуп саналат, көчмөн улуттун өзгөчөлүктөрү бар. Музыкалык аспап негизинен комуз, ошондой эле кылдуу аспап кыяк, үйлөмө аспап чоор жана башка аспаптар бар. Байыртадан эле «кыргыз элинин салттуу музыкасын комузсуз элестетүү кыйын» деп айтылып келет. Музыкалык чыгарма негизинен элдик поэма, элдик ырлар. Акыркы жылдары кыргыз элинде жаратылган ырлар көбөйдү. Аспаптык музыка болобу, вокалдык музыка болобу, алардын күүсү эркин, ыргагы жандуу, диапазону бийик, шаңкылдаган жана күчтүү келет. Кыргыз элдик музыка негизинен экиге бөлүнөт: классикалык жана заманбап музыка. Классикалык музыка эки түргө бөлүнөт: Обон жана күү. Кыргыз музыкасынын басымдуу бөлүгү элдик эмгек өндүрүшүнө, турмуштук үрп-адаттарга негизделип, алар жашаган тоолорго, дарыяларга, жайлоого, токойго болгон ынтызарлыгын билдирет, андан башка улуттун тарыхындагы баатырларды жана алардын эрдиктери даңазаланып ырдалат, кыргыздардын баскынчылыкка каршы күрөштөгү жетишкендиктери да чагылдырылган.

1. Элдик ырлар

Кыргыз элинин салттуу ырлары негизинен элдик ырлар менен тыгыз байланышта, элдик ырлар мал чарбачылык ырлардын негизинде өнүккөн, алардын өзгөчөлүгү чакырык обон менен мүнөздөлөт, кең жайлоодогу малчылардын жаратылышка болгон чакырыгын чагылдырат. Ошондуктан кыргыз ырлары адамды кең жайлоого, ак карлуу тоолорго, шаркырап аккан сууларга, терең өрөөндөргө жетелейт…

Кыргыз элдик ырлардын белгилүү бир уйкаштык эрежелери бар, негизинен төрт сап бир үзүндү түзөт, ар бир сабы жалпысынан алты же жети муундан турат. Төрт сапта 1–2–4 сап уйкаш келет, кош уйкаштык да бар, башкача айтканда, 1–2 сап уйкашып, 3–4 сап дагы уйкаштыкты түзөт; кайчылаш уйкаштык: 1–3 сап уйкашат, 2–4 сап уйкаш келет. Кыргыз элдик ырлардын эң чоң өзгөчөлүгү – он эки саптын уйкаштыгында, башкача айтканда, он эки сап ырда, ырдын башкы сөзү бир уйкаштык, акыркы сөзү кайчылаш уйкаштуу болот. Азыркы кыргыз элдик ырларга жана элдик музыкага башка боордош улуттардын жана чет элдик музыканын таасири тийсе да, уйкаштык жана эрежелери жагынан кыргыз элдик ырларынын алгачкы көрүнүшүн сактап калган, жайлоо ырларынын өзгөчөлүгүн да сактап келет.

Элдик ырларды ырдаганга шыктуу эл артисттерин кыргызча «ырчы» деп аташат. Алардын ырдоо репертуарында көбүнчө күүлөр жана элдик ырлар бар, өзгөчө элдик ырларды көп ырдашат. Кыргыз элдик ырларды ырдоону үч түргө бөлүүгө болот: айтыш, жалгыз ырдоо жана күүнүн коштоосунда ырдоо. Айтыш кыргыздардын маданий турмушунда эң маанилүү, тойлордо жана башка майрамдарда айтыш өткөрүлөт. Айтыштын обону жандуу, туруктуу ыры жок, коштоочу аспаптарды талап кылбайт, обонду аткаруучу өзү эркин тандап, төкмөлүк менен ырдашат. Ошондуктан айтыштын баары жандуу, кызыктуу, ыргагы көп өзгөрүлүп, адамды өзүнө тартат. Кыргыз элдик ырларында хор менен ырдоо да бар. Хордун музыкалык түзүлүш боюнча айтышка караганда көлөмдүү келет. Бул түрдөгү элдик ырлардын обону мукамдуу, диапазону бийик. Аспап чертип жана ырдоо негизинен комуз жана элдик ырлар жараткан жаңы ырдоо түрү, аспаптык музыка менен вокалдык музыканын айкалышы элдик ырларга жаңы өзгөрүүлөрдү жана өнүгүүнү алып келди.

Кыргыздар ырдаганды жакшы көрүшөт, ыр алар төрөлгөндөн өмүрү өткөнчө коштоп жүрөт, өмүр бою коштоп жүрөт. Мына ушундай ырдаганды жактырган адаты, кыргыздардын комуз чертип ырдоонун негизинде элдик чыгармачылыктын түрү пайда болгон. Үйлөнүү той, адамды акыркы сапарга узатуу, турмушка чыгуу, үйлөнүү, майрамдарда, үй-бүлө жана достордун жолугушуусунда комуздун күүсү жаңырып турат, күнүмдүк жашоодо малчы кайтып келгенден кийин эриккенди жазуу үчүн да комуз чертет. Комуз чертип ырдоонун түрлөрү көп, эң белгилүү түрү – «Алым сабак». Бул түрү төкмөлүктү жана акындык чеберчиликти талап кылат, суроо-жооп, бири ырдаса, экинчиси дароо аны уланткан, тамашалуу жана шаңдуу маанайда өтөт, акылдуулук жана акылмандыкты камтыган күчтүү атаандаштык көрсөтүлөт, кыргыз элинин табияттын койнунда тирилик кылганынын негизинде калыптанган шайыр көз карашын жана кең пейилдүүлүгүн толук чагылдырат, жарышууга жөндөмдүү улуттук мүнөзү да айгинеленип турат. Мындай атаандаштыкка эркек, аял, жаш-карысы да катышууга даяр, эки киши жолугуп калса да, суроо-жооп ыр түрүндө саламдашат.

Кыргыз ырларын уккулуктуу кылып ырдоо үчүн үндөштүк ыкмалары да кеңири колдонулат. Үндөштүк негизинен таза квинта жана квартадан түзүлүп, терция үндөштүгү да колдонулат. Кээде өзгөртүлгөн музыкалык сапта негизги тон кварта жана секста үндөштүгүн да жолуктурууга болот. Бирок, кыргыздын элдик музыкасынын түзүлүшүндө жети муундук бүтүндөй сакталган. Мисалы, үндөштүк көп болсо, үч мажор же үч минордон төрттүк муундан түзүлөт, бул кыргыз музыкасынын негизги өзгөчөлүгү.

2. Элдик күү

Кыргыз элдик күүсү – эң баалуу маданий мурастарынын бири болуп саналат, комузда күү черткен адамды «комузчу» деп аталат, обончу кыргыз элдик музыкалык маданий мурастын негизги жаратуучусу жана жайылтуучусу. Кыргыз элдик күүсү негизинен эки түргө бөлүнөт: ыры бар жана ыры жок күү.

Элдик күү жалпысынан обондон келип чыккан, чоң күү жана кичине күү деп бөлүүгө болот, акыркысы обон менен бир топту түзөт. Монофониялык обон деп аталган музыка кыргыз музыкасынын негизи болуп саналат. Эл ырчылар көбүнчө обондун негизинде төкмөлүк чеберин колдонушуп көптөгөн элдик ырларды жаратышат. Күүдө татаал гармония кеңири колдонулат, бул кыргыз музыкасында үстөмдүк кылуучу жана негизи. Кээ бир чоң күүлөр көлөмү боюнча абдан чоң, бир нече күн жана түн бою ондогон ар кандай обондорду аткарышат, кичине күү көбүнчө бир нече обондон турат.

Кыргыз элинин күүсү музыканын мазмунуна жана аспаптын түрүнө жараша ар кандай аткаруу ыкмалары колдонулат. Чертме музыкалык аспаптарда ойноонун жалпысынан эки ыкмасы бар: ылдам чертүү жана кылды өткөрүп чертүү. Айрыкча салттуу элдик ырлардын күүсүн чертүүдө эки түрү тең кезектешип колдонулат. Ыры жок күүлөр негизинен ыргагы эркин болуп, шаңкылдаган жана узун келген өзгөчөлүктөргө ээ. Айрыкча кайгылуу күүлөр, кылды өткөрүп чертүү ыкмасын колдонуп ыйлоо жана башка үндөрдү туурап чертишет, адамдарда кайгылуу сезимдерди тартуулайт.

Кыргыз элинин көп сандаган музыкалык күүлөрдүн ичинен, көп жылдык тарыхы жана кеңири таасири бар классикалык күүлөрдү элдик музыканттар тынымсыз аткарышып келет, элдин жүрөгүнөн терең орун алган. Салттуу эски күүлөр негизинен төмөнкүлөрдү камтыйт:

Камбаркан – кыргыздын байыркы күүсү. Кайталангыс көлөмдөгү ыр жана бий күү. Ал ондогон бөлүктөн турат, бир нече күн жана түн аткарылат, кыргыз элинин музыкалык эпосу. Анын негизги мазмуну кыргыз баатыры Камбаркан чачылган кыргыз урууларынын башын бириктирип, күчтүү Кыргыз каганатын түзгөнү, ошондой эле улуттук экономиканы жана маданиятты өнүктүрүү, баскынчылыкка каршы туруу иш-аракеттери баяндалат. «Камбаркан» ырынын тексти: «Токсон түрдүү күү салган / Күүнүн башы Камбаркан/ Өзгөртүп миңдеген күү чертип,/ Күүнүн баары Камбаркан / Миңдеген элдик ырдын күүсү, / Ырдын башы Камбаркан». Камбаркан күүсү негизинен комузда чертилет, кол добулбастын жана добулбастын ж.б. аспаптардын коштоосунда аткарылат, шаңдуулугу менен кереметтүү маанайды тартуулайт. Байыркы убакта согуштагы жеңишти майрамдоо жана башка чоң майрамдарда аткарылган, арасынан негизги бөлүмдөрү жакын жылдары сахнада коюлган.

Насыйкат – кыргыз элдик музыкалык чыгарма. Музыкада кыргыз малчыларынын эркин жана бактылуу турмушун чагылдырат; малчылар жашаган кең жайлоо, тоолор, мөңгүлөр, өрөөндөр, дарыялар сүрөттөлөт; жумшак жел жана жаркыраган күн, аба ырайы ачык болгон учур, кара булут каптап, бороон-чапкын болуп, кар жааган мезгилдерди да чагылдырылат. Ал кыргыз элинин турмушу сыяктуу эле бакубат менен таалай, ошондой эле кыйынчылык, азап менен да коштолгонун так көрсөтөт. Күү өйдө жогорулап, кайра ылдый түшүп, өзгөрүлмө келип, жай-ылдам болуп өзгөрүлөт. Бийик жана катуу чыкканда адамдын көңүлүн көтөрүп, созулуп жана жайбаракат болгондо, ал аккан тунук суудай болуп, адамды сергитип, кубаныч тартуулайт.

Кербез – кыргыз элдик комузда аткарылган чыгармалардын бири. Негизинен комуздун орто партиясында ойнолот. Кербез – чоң кербез, кичи кербез, үч кербез, келин кербези, жайлоо кербези, Токтогулдун кербези, Мураталынын кербези ж.б. болуп бөлүнөт.

Кетбука – кыргыз элинде бул күүнүн келип чыгышы тууралуу ар кандай божомолдор бар. Эң таасирдүү уламыштардын бири: Байыркы заманда Айкан аттуу падыша болгон. Анын жалгыз баласы аңчылыкка чыкканда, аны жолборс тиштеп өлтүрүп салган. Адамдар бул жаман кабарды түздөн-түз падышага айтканга батына алышпайт, бирок жашыра да алышпайт. Ошентип, алар Кетбука аттуу комузчуну чакырышат, ал ханзааданын өлүмү тууралуу кабарды падыша комуз чертүү аркылуу жеткирет, падыша кайгылуу күүдөн уулун жоготкон бактысыз кабарды түшүнөт. Ошондон бери бул күү эл арасына тез тарап, комузда аткарылган классикалык чыгарма болуп, бүгүнкү күнгө чейин жетип келген.

Сынган бугу – кыргыздын байыркы комузда аткарылган күүсү. Байыркы заманда жаш жигит, кыздын бактысыз никесин, алардын кыйышпас, жалындуу сүйүүгө умтулуусун көрсөтөт. Уламыш боюнча, илгери эч кандай таянычы жок комузчу болгон экен. Ал жер кезип жүргөндө, ыйлап отурган сулуу кызды көрөт, кыз күйөөсүнүн үй-бүлөсү көрсөткөн кордукка чыдап жүргөн болот. Комузчунун боор ооруп, кайгы-муңун баса албай, жан дүйнөсүн билдирүү үчүн күү черткен. Ошондон бери, бул күү Сынган бугу деген ат менен кеңири тараган.

Шыңгырама – кыргыз элдик байыркы күү, ал жогорку нотада ойнолот. классикасы Шыңгырама күүсү: Элдик шыңгырама, чоң шыңгырама, баланчанын шыңгырамасы деп бөлүнөт. Шыңгырама күүнүн өзгөчөлүктөрү: шайыр жана эркин ойнолот. Бул кыргыз элинин арасында кеңири тараган байыркы комуз күүлөрүнүн бири.

Качкын – «Улуу үркүн» деп да аталат. Биринчи дүйнөлүк согушта, кыргыздарга Падышалык Россия оор салыктарды салып, күч менен аскерге алып кетип жатканына чыдабай, кыргыздар куралдуу көтөрүлүшкө чыгышкан, бирок жеңилип калышкан, көптөгөн эл Кытайга качып киришкен. Бул күү кыргыздын музыкалык эпосторунун бири.

Ботой – кыргыз тилинде «бото» төөнүн баласы дегенди билдирет. Бул күү элдик аңгеменин негизинде жаралган, ургаачы төөнүн ботосунан ажыраган чексиз кайгысын чагылдырат. Күүсү кайгылуу жана пас келет. Ботой күүсү тарыхый узак мезгилде тынымсыз байып, өркүндөтүлүп, акыры кыргыздын салттуу байыркы күүсүнө айланган. Ал: Чоң ботой, кичи ботой, кылычым ботой, сары моюн ботой, маш ботой жана башка бир нече бөлүмдөрдү камтыйт.

Капал тоо – 13-кылымдарда жаралган күү, анда негизинен калмактардын кыргыз уруусунун басып алуусу, талап-тоноосу, кыргыз элинин баатырдык күрөшү чагылдырылган, кыргыздын музыкалык эпосторунун бири. Байыркы убакта, бул чыгарма көбүнчө баскынчыларга каршы согуштагы ири жеңиштерди эскерүү үчүн аткарылган, көлөмдүү жана терең эпикалык өзгөчөлүктөргө ээ.

Жети кул – байыркы кыргыздардын феодалдык башкаруу мезгилинде үстөмдүк кылуучу таптын эзүүсү жана эксплуатациялоосу жана ошондой эле элдин каршылык көрсөтүү духу чагылдырылган.

Элде «Күү ойнойм десең, адегенде анын мазмунун түшүн» деген сөз бар. Ошондуктан, күүнүн мындай түрүн ойногондо, аткаруучулар күүнү ойногонго чейин, биринчи күүнүн мазмунун, жаралган доордун тарыхын баяндап беришет. Кээде аткаруунун ортосунда токтошуп, чыгарманын бул бөлүгү эмне жөнүндө экенин түшүндүрүп, анан ойноону улантышат. Бул ыкма таасирдүү окуяларды мукамдуу күү менен айкалыштырып, адамдарга ырахат тартуулайт. Ыры бар күүлөр негизинен эпос, дастан, миф жана салттуу элдик ырларга негизделген. Мындай күү ырдын мазмунуна жараша өзгөрүп турат. Мисалы, «Манас» баатырдык эпосунда коштолгон күү же тондун ондогон түрү бар, алар эпостун мазмунунун өзгөрүшүнө жараша өзгөрүп турат. Манас баатырдын төрөлгөнүн айтып жатканда, күү бешик ырынын обонуна окшош болот. Манас согушка аттанганда тайманбас жана толкуй турган күү коштогон, Манас жарадар болуп каза тапканда, күү абдан кайгылуу болгон. Мындан тышкары «Манас» эпосу жана башка маанилүү эпостордун күүсү элдик аткаруучулары тарабынан атайын иштелип чыккан, эл арасына кеңири тараган. Мындай күүлөр «Дастан күү» деп аталып, ошол эле аталыштагы баатырдык эпостун дастандын мазмунуна шайкеш келет, бирок колдонулган көркөмдүк түрү башкача, бири – ыр аркылуу эпостун мазмунун көрсөтүү, экинчиси – музыка түрүндө эпостун мазмунун чагылдырат. Элге кеңири тараган эң белгилүү «Дастан ыр-күүлөрүнө» төмөнкүлөр кирет: «Чоң казат», «Каныкейдин арманы», «Алмамбеттин арманы»; Эпостордон: «Манас» эпосуна тиешелүү күүлөр, «Жусуп менен Зулайка», «Кыз Дарыйка», «Мендирман», «Барсбек», «Чыңгызхандын баяны», «Курманбек», «Жаңыл Мырза», «Карагул ботом» жана башка жүзгө жакын эпостогу баатырлардын жана тарыхый атактуу инсандардын эрдигине байланышкан чыгармалар бар.

Жаңы Кытай негизделгенден бери кыргыз аткаруучулары да жаңы турмушту чагылдырган, мекендин, улуттун биримдигин даңазалаган көптөгөн күүлөр жаратылган, алар элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Алардын ичинен комузчу Мамет Төлөмүштүн чыгармалары эң көрүнүктүү өкүл болуп саналат. Мисалы, «Боз жорго», «Эркин жайлоо», «Өжөр бала» ж.б.

3. Элдик оозеки чыгармачылык

Элдик оозеки чыгармачылык – кыргыз элинин маданиятында кеңири тараган адабий түрү. Ал музыка менен элдик поэтикалык чыгармаларын бириктирип, элге чыгарманын мазмунун жана терең сезимин мукамдуу үн менен аткарып жеткирет.  Элдик оозеки чыгармачылыктын түрлөрү көп: уруулук санжыраны айтуу, эпикалык эмгектерди ырдоо, элдик поэма, элдик төкмөчүлүк өнөр ж.б. кирет. Алардын ичинен эң көңүлдү бурганы дастан жана терме ырлары болуп саналат.

Дастан–сөзү перс тилинен алынган, Шинжаңдагы кыргыздар жашаган аймактарда жайылган элдик чыгармачылыктын бир түрү. Кыргыз дастандын мазмуну кыргыз элинин тарыхый турмушун чагылдырат, анын ичинде миф жана легенда, санжыра, үрп-адат, баатырдык уламыштар ж.б. Кыргыздардын дастаны жалындуу ырдоо менен окуяга көрк берет, жөнөкөй тил менен каармандардын элесин жаратып, оозеки түрдө муундан-муунга өтүп келген, сөзү жана обону төкмөлүк жол менен жаралат, ага аткаруу чөйрөсү таасир этет. Калыптандыруу үчүн жөнөкөй тилди колдонот, ал элге оозеки өтүп, ырдын тексти жана обону импровизация аркылуу жаралат, аткарган чөйрө чоң таасир этет.

Дастандын сөздөрү башкы уйкаштык жана аяккы уйкаштыктан турган «көп саптык уйкаштык» болот, ар бир бөлүгү чексиз сандагы ыр саптарынан түзүлөт. Ырдын ар бир сабы көбүнчө жети же сегиз муундан турат. Басым дайыма сөздүн аягына түшөт, андан кийин башкы жана аяккы уйкаштык жараткан табигый басым менен өз ара таасир этип, ырдын негизги ыргагын түзөт. Ыр саптары сөз саптары болуп саналат, алардын ыргагы дастандын обонунун музыкалык саптарынын негизин түзөт. Кыргыз элинин Дастан ырдоочу сөз айкаштарынын түзүлүшүнө негиз болуп саналат. Белгисиз сандагы ыр саптары, белгисиз музыкалык саптардын санын түзөт, үзүндүлөрдүн узундугу да ар түрдүү. Эки бөлүктүү музыкалык сап, көп музыкалык саптуу музыкалык бөлүк кыргыз дастан обонунун түзүлүшүнүн негизги белгилери болуп саналат, ыргактын багыты, эгерде алдыңкы бөлүмү өйдө карай көтөрүлсө, анда акыркы музыкалык бөлүмү ылдый карай төмөндөйт.

Терме – тандалып, үлгүлөрүн терип ырга салынгандыктан, аталышы ошондон келип чыккан. Бул кыргыз элдик макал-лакаптарынан жана санат сөздөрдөн жаралган салт тык оозеки чыгармачылык, терме ырларын аткарган адамды термечи деп аташат. Терме ырларынын сөзү жогорку жана төмөнкү кош эки саптык уйкаштык муундан турат, төрт саптуу уйкаштык муун башкы, аяккы уйкаштыктын көп саптуу уйкаштык муунун түзөт. Муундун ар түрдүү болушу ырдоо обонунун түзүлүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизип, ушундан улам эки музыкалык сап- бөлүмдөн, төрт музыкалык сап- бөлүм же көп музыкалык сап- бөлүмдү түзөт. Термелерде көбүнчө аралаш ритм же эркин темп колдонулат. Мисалы «До» нотасы негизги тон болсо, анын үн айкалышуусунун гаммасы 1234567; Эгерде «Со» нотасы негизги тон болсо, үн айкалышуусунун гаммасы 5671234; «Ля» нотасы негизги тон болсо, үн айкалышуусунун гаммасы 6712345. Негизги тон борбор катары алынып, төрт квартанын чегинде жогорулашы терме ырлар күүсүнүн мүнөздүү ыргагы болуп эсептелет. Терме ырынын сөзүнүн түзүлүшү салыштырмалуу туруктуу, ал эми ырдоонун ыргагы көбүнчө импровизацияланган. Комуз чертип ырдаган айрым ырчыларды кошпогондо, көбү музыкалык аспаптын коштоосу жок ырдашат.

4. Элдик музыкалык аспаптар

Кыргыздар түрдүү музыкалык аспаптарды колдонушкан. «Таң династиясынын жаңы тарыхы: Сяцзясы баяны» мындай жазууну камтыйт: Тан доорунда сяцзясы музыкалык аспаптары добулбас, чоор, сыбызгы, керней, шылдырак. Элдик иликтөөлөр боюнча кыргыздын байыркы музыкалык аспаптары: Комуз, ооз комуз, темир комуз, кыяк, чоор, түтүк, жез түтүк, сурнай, сыбызгы, бас, добулбас, добул, бандару ж.б. Азыркы учурда кыргыздын элдик аспаптары: Комуз, ооз комуз, кыяк, чоор, добулбас, сурнай жана башкалар, алардын ичинен чоор жана кыяк жоголуу алдында турат.

(1) КЫЛДУУ МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР

1. Комуз

Кыргыздын көптөгөн улуттук музыкалык аспаптары бар, бирок комуз эң байыркы музыкалык аспап экени талашсыз. Кыргыз макалында: «Өмүр менен өлүмдө комуз коштоп жүрөт» дегендей: бала төрөлгөндө, эл комуз чертип куттуктоосун билдиришет, жаңы төрөлгөн бала эң биринчи уккан үн – комуздун үнү. Кары адам дүйнөдөн кайтканда, эл комуз чертип, кошок ырларын айтышып, көңүл айтышат. Кээ бир адамдар жаңы төрөлгөн баланын башына комузду коюшат, чоңойгондо жакшы комузчу болсун деп тилешет. Дээрлик ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө комуз бар жана ар бир адам комуз черте алат. Кыргыз эли кубанычын, ачуусун, кайгысын комуз чертүү менен билдирет.

Комуз –эң алгач Эне-Сай дарыясынын алабында тараган. Маалыматтарга караганда, комуз Хань дооруна чейин эле гунндарда кездешкен. Башка улуттар менен болгон алаканын негизинде, акырындык менен башка улуттарда, аймактарда, жада калса чет өлкөлөрдө да тарала баштаган. Кытай тарыхый китептеринде, комуздун ар башка котормо аталыштары болгон, хобус, кобус, хомуз, кумус, хубыс ж.б. Б.з.ч. 33-жылы Ван Чжаоцзюнь (王昭君) гунндарга турмушка чыкканда, комузду Чанъанга (Кытайдын байыркы борбору, азыркы Сиань шаары) алып келген. Ошол кезде адамдар ал аспаптын атын сурашканда, Ван Чжаоцзюнь «хунбус»деп жооп берген экен. Сунъ Юйянь ( 宋俞琰) «Зыяпат үстүндөгү маек» аттуу эмгегинде мындай деп жазган: «Ван Чжаоцзюнь пипасы керектен чыккандан кийин, ал гунндарга жаңы жасоого буйрук берет, бирок алар жаңы жасаган аспап кичинерээк болот, ханыша таптакыр окшобойт дейт, жаңылышуунун айынан хобус деп аталып калган».

Таң доорунда, сяцзясы комузду Таң династиясына тартуу кылышкан, ал эми алар Жапонияга Таң династиясынын музыкалык аспабы катары комузду тартуулаган. «Юань тарыхы, салтанаттар жана музыка жазуулары» мындай деп жазылган: «Хобус пипанын негизинде жа салган, түз, кичинекей сандал жыгачы бар, чарасы толгон бөтөлкөдөй, үстү кайыштан, төрт кылдуу, жалгыз түркүгү бар». Черткенде сол кол менен кылды басат, оң колдун баш бармагы жана сөөмөй менен чертилет, же беш манжа менен кезектештирип чертсе да болот. Юань доорунда Юньнандагы наси улутунда тараган, «хубу аспап» же «сугуд» деп аталган. «Улуу Цин административдик мыйзамдар жыйнагы» боюнча, Цин императору Цяньлун уйгур аймактарындагы козголоңун баскандан кийин, буруттар Цин сарайына келишип, тартуу кылган сыйлыктардын арасында комуздун эки түрү болгон: биринчиси, үч кылдуу комуз, узундугу 63 см, аспаптын башы жалпак; экинчиси, төрт кылдуу комуз, узундугу 63.33 см. Гугун музейинин сүрөт сактагыч бөлүмүндө, Цин Цяньлун мезгилиндеги «Салтанаттуу мелдештеги төрт иш чара» аттуу сүрөттө, моңгол улутунун музыкалык тобу «Шибаң» деп аталган күүнү аткарып жаткан көрүнүш да түшүрүлгөн, алардын арасында төрт кылдуу, тери менен капталган комуз болгон. Эң алгачкы комуз тери менен капталган үч кылдуу аспап болсо, азыркы комуз бүт жыгачтан жасалган музыкалык аспап, ал карагай, өрүк, арча сыяктуу катуу жыгачтардан жасалат. Жасоо ыкмасы: кыйылган жыгач сомдолуп, кайра иштетилип, жабыштырып жана лакталат. Анын узундугу 80-100 см, калыңдыгы 5 см, чарасы, моюну, капкагы, кулактары, тепкеси, башы, кылдары бар. Комуздун чарасы бир аз жалпак, алмурут сымал, ичке моюну бар. Байыркы мезгилде койдун ичегиси кылдары катары колдонулса, азыркы убакта жибек кылдар колдонулат. Кулактары бир капталында жайгашкан, үч кылдуу музыкалык аспап. Комузду черткенде, аны көкүрөктүн алдына алып, сол кол менен моюнун кармап, оң колдун сөөмөй жана баш бармак менен же беш манжа менен чертилет. Комуздун үн кубулуштары жоон, орто, ичке болуп бөлүнөт. Азыркы учурда темир комуз бар, ал темирден жасалган үч кылдуу аспап. Сахнада ойноодон тышкары, комуз эл арасында кеңири тараган. Эл артисттери байыркы күүлөрдү аткарышат, өздөрү жаңы күүлөрдү жаратып да чертишет, ошондой эле «Манас» эпосун айтылып жатканда, комуз чертип коштоп турушат. Комуз байыртадан калган баалуу мурас.

Кыргыздар комузду биздин заманга чейинки бир нече кылымдарда эле колдонуп келишкени анык. Комуздун жаратуучусу жаш мергенчи деп айтылат. Азыркыга чейин кыргыз элинде мындай байыркы уламыш айтылып келет: Илгери-илгери Камбар деген кыргыз ханы болуптур, анын кызы Максым бир кулга ашык болуп калат, аны сарайдан кууп чыгат. Максым сүйүктүүсү менен бийик тоолуу жайлоого келишет, жубайлар бири-бирин суйуп, чогуу эмгектенишип, бактылуу турмушта жашашат. Кийин Максым оорудан каза болгондо, сүйүктүүсү Максым тирүү кезинде өз колу менен кыйган арчанын бутактарын, дагы койдун ичегисинен жасаган кылдарды колдонуп, керемет үн чыгара турган аспапты жасайт. Ал кылдарды чертип, сүйүктүү аялына болгон сагынычын билдирген, ушул биринчи комуз, көптөгөн комуздардын башы болгон.

2. Кыяк

Кыргыздарда комуздан тышкары, тартып ойнолчу кыяк деген аспабы бар. Анын узундугу 60 сантиметрге жакын, кулак, чара, моюн, куткун, кыл, жаадан турат. Аспап кыйылган арчанын жыгачынан сомдолуп жасалат, моюну бир аз кыска, чарасы тең бөлүнгөн алмуруттай болуп турат, ылдый карай ичке кайыш тартылат. Аспаптын кылдары куткунуна бекитилет, чертүү учурунда аспапты тик кылып тизеге жайгаштырып жаасы менен тартып ойнолот. Анын кулактары шилби, чычырканактын жыгачтарынан жасалат, үнү тунук жана таза чыгышы үчүн кылдары асыйдын куйругунан даярдалат. Жылкынын куйругун самын менен таза жуушуп, тарашып, андан кийин арча чайыр менен лакташат, ар бир ойногонго чейин лактап туруш керек. Ойноо учурунда кыяктагы жогорку кылдары коңур остинаттык, ал эми ылдыйкы кылдары остинаттык эмес обонду чыгарат, экөө биригип ачык эмес обон болуп, адамдын үнүнө окшош. Кыргыз элдик кыякта аткарылуучу күүлөр: «Ак кашка күрөң жылкы», «Ак козу», «Жайлоодогу түн», «Кайып учкан улар», «Кутур ган уйдун текиреңи» ж.б. Кыяк көбүнчө эпос жана элдик ырларды коштоо аспабы катары колдонулат.

(2) УРМА МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР

(1). Добулбас

Кыргыз элинин урма аспаптарынын да түрлөрү көп. Добулбас – байыркы аскерлер чабуулга чыгышканда, аскердик күчтү көрсөтүш үчүн тери капталган добулбастарды колдонушкан. Бул аспап көбүнчө куурап калган дарак сөңгөгүнөн жасалган, үстү кууш, түбү кең, эки жагы кайыш же жаныбардын териси менен капталган, эки жагы булгаары боо байланган же жыгач туткасы болот, көлөмү чоң, көбүнчө бир нече ат же бир нече өгүз баткан согуш арабасына коюлат, жанында согуштук желек илишет, көп учурда бир нече добулбас чогуу ойнолот. «Манас» эпосу боюнча, чабуул жасаган учурда, төрт-он жоокер добулбасты урушуп рухту көтөрүшкөн. Ошондой эле хан такка көтөрүлгөндө, уруу жыйындарында жана башка учурларда көп колдонулган. Добулбас кагылганда кайраттуу чыгып, тоолорду титиретип, жүрөктү толкундантат. Азыркы эл арасынла тараган бул музыкалык аспаптын көлөмү кичине, диаметри 35-40 см, жыгач алкагынын калыңдыгы 6-7 см, үстү койдун териси менен капталган, аны кой терисинен жасалган добулбас деп да аташат. Шакек сымал жыгач алкакка катар-катар жез шакекчелер орнотулган, кагып жатканда эки баш бармак жыгач алкакты басып, добулбас бетин эки кол, төрт манжа менен уруп, күчтүү ыргактагы обон чыгат. Бийде, тойлордо, майрамдарда, конок тосууда жана башка учурларда, башка музыкалык аспаптар менен чогуу колдонулат.

(2). Бандару

«Бандару» (бел добулбас) – кыска цилиндр формасында, эки башы бир аз кичирээк, тери же булгаары менен капталган жыгач музыкалык аспап. Көбүнчө белге байланып кагылат, аны урганда алакан же кичинекей жыгач таякча колдонулат. Байыркы убакта, бул музыкалык аспап көбүнчө аз санда аскерлер чабуулга чыкканда, кадамды бир ыңтайга келтирүү, күжүрмөн духту көтөрүү үчүн колдонулган. Мындан тышкары, ат чабыш, улак тартыш, күрөш, аркан тартыш, селкинчек тебүү, ат үстүндө күрөш, бий жана башка иш-чараларда маанайды көтөрүш үчүн колдонулат.

(3). Даңгыра

«Даңгыра» (кичи кол добулбас) – жыгачтан жасалган аспап, тегерекче кылып ийилип, бир жагы булгаары менен капталган, формасы боюнча уйгурлардын «Дафу» (кол барабаны) аспабына окшош. Анда жез, темир, чынжыр жана кызыл машак байланат. Байыркы убакта бул аспапты көбүнчө шаман бакшылары колдонушкан. Азыр тойлордо же бийлерде колдонулган музыкалык аспап, анда дагы жылдыздар, тоолор, гүлдөр сыяктуу оймо-чиймелер да түшүрүлөт.

(3) ҮЙЛӨМӨ МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР

(1). Чоор

Чоор узун чоор же малчынын чоору деп да аталат. Төрт көзөнөктүү, тике кармап үйлөмө аспап. Бүркүттүн же жорунун далы сөөктөрүнөн жасалгандыктан бүркүт чоор деп да аталган. Көбүнчө бүркүт бутунун сөөктөрүн, шилби, бамбук же металл материалдар колдонулат, узундугу 45-50 см. Андан соң чоктой кызыл темир менен ичине 3-6 көзөнөк тешилет. Аткаруучу чоорду колуна алып учунан үйлөп, манжалары менен көзөнөктөрдү басып, ар түрдүү күүлөрдү ойнойт. Үнү курч жана ичке, күүсү шаңдуу чыгат. Мындай музыкалык аспапты көбүнчө чабан бала ойнойт, ал музыкалык аспап эле эмес, чабандар бийик тоо, токойлордо үйлөшүп, бири-бири менен байланышып туруучу курал да болгон.

(2). Керней

Керней- жезден жасалган музыкалык аспап. Чабуул учурунда согуштук белги берүүчү катары кеңири колдонулган. Сырткы оозу жез коңгуроодой ачылат, үйлөчүү бөлүгү ичке жез түтүктөн жасалат, жалпы узундугу 3 метр, үнү катуу жана күчтүү чыгат. «Манас» эпосунда керней кеңири сүрөттөлөт, бул байыркы убакта аскердик жүрүштө кабар берүүчү аспап болгон, кийинчерээк уруу башчылары же хан уюштурган чоң майрамдарда сыйлуу конокторду тосуп алууда колдонулган, азыр ал элдик чоң көлөмдөгү үйлөмө аспап болуп калды.

(3). Сурнай

Сурнай – жыгачтан жасалган узун түтүк, узундугу болжол менен 33 см. Баш жанындагы жез түтүктүн узундугу болжол менен 10 см. Жез түтүктө камыштын тамырынан жасалган чымылдак тагылат. Жыгач түтүктүн алды жагында жети көзөнөк, арт жагында бир көзөнөк, капталында бир көзөнөк, астыңкы учунда ышкырык сымал жез түтүк бар. Үн катуу жана бийик чыгат. Байыркы убакта аскердик кабар берүүчү инструмент катары колдонулса, бүгүнкү күндө ал күү аткаруу үчүн колдонулат.

5. Элдик бий

Кыргыздарда бийдин мазмуну көбүнчө мал чарбачылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, аңчылык ж.б. өндүрүштүк жана жашоо шарттарын чагылдырат. Алардын арасында мал чарбачылык өндүрүшүн жана турмушун чагылдырган бийлер көбүрөөк кездешет. Бийдин кыймылдары тез, айрыкча бий жогорку чегине жеткенде шаңдуу жана шаттуу маанайды көрсөтүп турат. Коштогон музыка да шайыр обонго негизделген. Бийдин кыймылы чегине жеткенде музыка капыстан токтойт, ал эми бий бүтөөрү калганда коштоп жүрүүчү аспаптар күтүүсүздөн катуу күркүрөп, ичке жана узун болгон үн менен бүтүп, адамды мас кылып, кубанычка бөлөп, толкундануу сезимин тартуулайт. Бий кадамдары татаал жана ар түрдүү келет: Майда кадам, кыймылдуу кадам, аттап өтүү, түрсүлдөтүп басуу, секирүү, көкөлөө, бурулуу, кол кармашуу, тоголонуу, бутту бүгүү, тизе бүгүү, кол көтөрүү, алаканды ичке жана сыртка карай сермөө ж.б. Бирок негизги кыймыл негизинен секирүү болуп эсептелет.

Кыргыз бийинин көптөгөн түрлөрү бар, анын ичинде жоокерлердин турмушун чагылдырган кылыч бийи, «Баласын издеген ата» окуянын негизинде жаралган «Ботом бийи», атчандын жашоосун даңазалаган «Кара жорго бийи», көчтү чагылдырган «Көч бийи», «Инген төө бийи», «Калың кар бийи» ж.б.у.с. Булардын бары кыргыз элинин салттуу бийлери. Мындан тышкары, чыныгы өндүрүштөн жана турмуштан алынган бийлер: эмгек бийи, кийиз басуу бийи, уй сааган бийи, жип ийрүү бийи; каада-салттарды чагылдырган «Жар көрүш бийи», «Жар жар бийи» ж.б.

Байыркы кыргыздардын бийлери көбүнчө элдик бийлер. Анын жаратуучулары жана аткаруучулары эмгекчил адамдар болгон, бул бийдин тиричиликке, жаратылышка жакын болгонун аныктайт. Жаңы Кытай негизделгенден кийин, кыргыз бий өнөрү өркүндөтүлдү жана өнүктү, кыргыз аймагында кесипкөй көркөм өнөр коому түзүлүп, кесипкөй бийчилер көбөйүп, элдик бий жайлоодон сахнага чыга баштаган. Алардын каада-салт бийи, турмуштук бийи, өндүрүштүк бийи жандуу, ыргагы күчтүү болуу менен бирге жашоого да абдан жакын болгон. Кыргыз кыз-келиндердин бийинде ат минүү, мал жайуу, кийиз басуу, кийиз тигүү жана башка кыймылдардан тышкары, аспап үйлөө кыймылы да бар; Эркектердин бий кыймылы ат минүү, мергенчиликтен тышкары, комуз чертүү кыймылы да бар, бул кыймыл башка улуттардын бийлеринде байкалбайт. Кыргыз бийиндеги «ийин көтөрүү» кыймылы башка элдерден да айырмаланат, абдан чоң өзгөчөлүгү бар. Кыргыз бийлери абдан жандуу, кээ бир бий кыймылдары өтө кызык, мисалы, бармак кырсылдатуу, бутту көтөрүү, башты чайкоо, көз кысып, кашты көтөрүү ж.б. Өзгөчө «Көз кысып, каш көтөрүп шырдак басуу» аткаруусу көрүүчүлөрдүн күлкүсүн келтирет. Кыргыз бийинин ыргагы жандуу жана бейургалдуу, өзгөчө «солго айлантса да, оңго айлантса да, чаалыкканды билбейт» дегендей кыймылдар абдан тез, секиргенде кийимдеги металл жасалгалардын үнү чындап эле тоодогу жаңырыкка, ажыдаар учуусунун жана жолборстун секирген күчүнүн үнүндөй болуп угулат, адамдын кулагы илгенге жетишпей, кызыгып көз жайнап кетет.

(1). Жыгач ат бийи

Кыргыз улутунун жыгач ат бийи – кытайлардын салттуу куурчак ат чуркоосуна бир аз окшош. Узундугу бир метрден ашкан жыгач таяк менен бир учуна бутактан же темир зымдардан жасалган аттын башын байлап, анан кызыл кездеме жана түстүү жоолуктар менен аттын башына кийгизип байлап, кызыл боо, коңгуроо, ооздук жана тизгин тагылат. Аттын тулкусу чоң кызыл кийиз менен оролуп, куйругу кара тордук жоолук же кара кездемеден жасалат, жылкынын куйругун же топоздун куйругун колдонгондор да бар. Жасалган жыгач таяк ат бийчинин денесине байланат, атчандын астынан жандуу сымал күлүк ат даана көрүнөт. Бийчи сол колуна тизгинди, оң колуна камчыны кармап, музыканын ыргагына ылайык бийлеп, ат үстүндө ар түрдүү кыймылдарды аткарат. Сол капталы алдыга эңкейгени, аттын чуркап бара жатканын; Ат тулкусунун алдыга-артына эңкейип баратканы, баш ийбеген ат экенин билдирет; Тулкусу ары-бери жай солкулдап турганы, жакшы үйрөтүлгөн күлүк ат экенин билгизет; Ат башын чалкалатса, тизгинди эки колу менен бекем кармап, атчан кыян-кески атты үйрөтүп жатканын билдирет; Алдыга эңкейүү – өйдө көтөрүлүү, артка эңкейүү ылдый түшүү; Ат башын көтөрүп, куйругун серпсе, кишенгенин билдирет. Жакшы ат бийчиси ат үстүндө ар кандай кыймылдарды даана туурай алат. Жыгач ат бийи орой жана эркин, кыймылдары жандуу, жашоо шартка абдан жакын. Кыргыз элинин бул бийи көбүнчө ай жарык болгон түнү жайлоодо аткарылат, ортодо бийчилер, ал эми көрүүчүлөр тегеректе жайгашышат. Жалгыз бийлесе да болот, же бир нече адам чогуу бийлешет. Комузчу комузун чертип күү менен коштойт, көрүүчүлөр кол чабышат, абдан кызыктуу көрүнүш.

(2). Жар көрүш бийи

Жар көрүш бийи – үйлөнүү үлпөтүнүн бир бөлүгү, ал үйлөнүү үлпөтүндө гана аткарылып, кыргыз элинин үйлөнүү тоюнун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Негизинен КСКАОдогу Улуучат, Ак-Чий, Ак-Тоо ооданында тараган. Мал чарбачылыгынын өндүрүштүк ыкмасы, кыргыздардын чачыранды жашаган адатын калыптандырган, ар бир боз үй бири-биринен алыс жайгашкан. Үйлөнүү үлпөтү болгон күнү, жигит жана башка адамдар бирге боз үйдөн эртелеп чыгышат, комуздун коштоосунда шаңдуу ыр-күлкү менен келишет. Алар колуктунун боз үйүн көргөндө, аттан түшүшөт, күйөөлөгүч жана башка жигиттер колдоруна саймалуу кол жоолукту кармашып, аны орошуп ырдашат, бат бүтүүнү каалашып шашышат, бирок жанындагы кыздар жигиттерди курунан кармап алышып, атайылап артка тартышат, ал «жигиттер, чыдамсыз болбогула!» деген маанини билдирет. Ушундай ойноок тамаша учурунда, адамдар кыздын үйүнүн алдына келишет. Бул учурда кыз жигит тарапты тосуп алуу үчүн салттуу «Тогуз табак» даярдап күтүп турат. «Тогуз табак»- кыздын бир нече курбулары колуна эт, сүт чай, боорсок жана башка тамак-аш салынган табакты кармап турушат. Табактын саны сөзсүз түрдө тогуз болуш керек эмес, «тогуз» деп аталып калганы, тарыхта түрк тилдүү элдердин бактылуу саны «тогуз» болгон.

Тосуу аземинен кийин, кыздын курбулары улуттук кийим кийген колуктуну боз үйдөн алып чыгып, дароо кызыл жибек же кызыл кездеме курду алып, жаңы үйлөнгөн эки жаштын белине орошот. Кызыл жибектин же кызыл кездеменин эки учунан эки курбу кыз кармашып, күч менен тартып башташат, күйөө менен колукту бирибирине бекем таянышат. Андан кийин колуктунун жашы менен тең келген кыз бир тууганы (мисалы, жеңеси) күзгү алып, эки жаштын артына туруп, чогуу күзгүнү карашын суранат. Күзгүдөн жаңы үйлөнгөн эки жаштын бактылуу жүздөрү көрүнгөндө, ошол жерде отурган жакындары жигит келбеттүү, күчтүү, кыз татынакай, сулуу сыяктуу мактоо сөздөрүн айтышат. Мактоо жана каалоо-тилектердин коштоосунда эл аларды тегеректешип, «Жар көрүш» бийин бийлеп башташат.

Адегенде бир жигит ортого чыгып, өзү тандап алган кыздын жанына келип, колундагы оролгон кол жоолукту кызга карай ыргытат, жаш кыз элдин кубанычка толгон кыйкырыгы менен туруп, жигит менен кол кармашып, шаңдуу жана мукамдуу комуздун коштоосунда бийлеп башташат. Бий жарашыктуу болгону менен жайлоо улуттун жөнөкөй элдик үрп-адатын жоготпойт. Андан соң жаш кыздар күүнүн негизинде төкмөлүк чеберчилигин көрсөтүп, сүйүү тууралуу ырды ырдашат. Мисалы: «Кыздардын өз оюну бар дешет, бүгүн мен да катышып жатам, ырдаганды жакшы көргөн жаштарданмын. Майда жаан жайлоону ным кылды, силер эркин бийлегенде, мен кездемеден жасалган сок билекти көргөнмүн». Анан ал жигиттин кол жоолугун алып, башка жигиттин жанына келип, экөө чогуу бийлешет, кийин жигит жамактап ыр ырдайт. Бул айлампа түн киргенче чейин уланып, жаңы үйлөнгөн жубайлар атка минишип, элдин курчоосунда, жакшы келечекти эңсеп, өздөрүнүн жаңы боз үйүн көздөй бет алышат, ушуну менен той аяктайт. «Жар көрүш» бийи дайыма комуз, кыяк жана башка музыкалык аспаптардын коштосунда аткарылып, элдин шаңдуу ырдоосу менен коштолот. Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, колунда жоолугу бар адам кимди тапса, ал эрежени так сакташы керек. Иш-чаранын жүрүшүндө эл жаңы түгөйлөргө жакшы каалоо-тилектерин айтышып, келечекте жакшы жашоого умтулуунун кубанычында болушат.

(3). Эмгек бийи

КСКАОнун Улуучат, Ак-Чий, Ак-Тоо ооданында жана башка коңшулаш жашаган кыргыз аймактарда, аялдардын күнүмдүк эмгегинин негизинде жаралган элдик бийлер кеңири тараган, аларды жалпысынан «эмгек бийи» деп аташат. Кыргыз бийчиси Сайкал Жумакундун айтуусунда, жайлоодо эл чогулганда, өзгөчө салттуу «Үлүш» майрамында аялдардын күнүмдүк иштери болгон сүт саап, айран ачытып, жүн кыркып, кийиз басып, кийиз жасап

ж.б. кыймылдардын негизинде, өзүнүн чеберчиликтерин көрсөтүшөт, эмгектин ачуу, таттуусу менен келген кубанычты дагы бир жолу сезишет. Ошону менен бирге эмгек ыктарын башкаларга үйрөтүүнүн мааниси бар. Убакыттын өтүшү менен окшоштуруп жасоо түрү акырындык менен белгилүү бир ыргагы жана салыштырмалуу туруктуу кыймылдары болгон элдик бийге айланып, ар кандай мазмундагы эмгек бийлерин түзгөн.

Көпчүлүк эмгек бийлеринин туруктуу түзүлүшү жана жолу жок, аларды бир же бир нече адам аткарат. Бий ар түрдүү эмгектин жалпы жүрүшүн окшоштуруп тууроо аркылуу кыргыз аялдарынын тапкычтыгын жана чебер эмгек шыктарын чагылдырат. Аны эмгекчилер аткаргандыктан элестери жандуу жана көркөмдүк күчтүү таасири бар.

Эмгек бийиндеги «саан бийи» – кыргыз аялдарынын саан, айран ачытуу, кымыз жасоо иштерин чагылдырат. Негизги кыймыл-аракеттерге желин чапкылоо, сааш, баштыкчаны силкилдетүү, эки колду бөйрөккө таянып, ийин куушуруу, баштыкчаны кармап ийин куушуруу, жай басуу, кол булгалоо ж.б.у.с. Бийдин башталышында бир же бир нече бийчилер саан бий музыканын коштоосунда, чаканы кучагына алган кыймылды чагылдырып, майда кадам менен эл түзгөн тегерекченин ортосуна чейин басып келип, эки колдоп желинди чапкылап, эки кол менен саап, алмак-салмак саап, баштыкты бир кол, эки кол менен силкилдетүү сыяктуу окшоштурулган аракеттерден турган бийди бийлешет. Бий ошол иштин кезеги боюнча аткарылат, чаташтырууга болбойт, бирок, жолдун түзүлүшү жана ар бир кыймылдын узактыгы туруктуу эмес, аткаруучулар импровизация кылышса болот. Бир нече адам бийлегенде, ичинен эң мыкты бий жөндөмү бар бийчи кыймыл алмашуусун башкарат.

(2). Комуз бийи

Комуз бийинин күүсү – кыргыз элинин ооз комузунун жана комуз аспабынын коштоосунда аткарылат. Ооз комуз металлдан жасалат, ал бир эле учурда эки түрдүү тынымсыз дирилдөөнү жана күүнү чыгара алат. Дирилдөө үнүнүн бийиктиги анча ачык эмес, бирок ооз менен чертилген аспапка гана таандык ачык, мукам обонго ээ, серпилмелүүлүгү күчтүү. Комуз-үч кылдуу, жыгачтан жасалган чертме аспап. Комузчу черткенде бир кыл менен же бир эле учурда үч кылды чертүү менен ар кандай күүнү аткара алат. Комузчу сол колу менен ийирүү, согуу ыкмаларын колдонуп күүнү маңыздуу кылат, оң колу менен сүрүү, чертүү, терүү, илүү жана башка ыкмаларды кезеги менен колдонуп, күүнүн ыргагы бат жана жай болуп, бийчинин кыймылы жана кадамы үчүн ылайыктуу ыргак берет. кыймыл жана өзгөртүү темптери. Эки аспаптын добушунун кубулушу бири-бирин толуктап, айкалышып күүнүн таасирдилүүгүн арттырат.

«Комуз бийи» негизинен Шинжаңдын түштүгүндөгү КСКАОнун жана ага коңшулаш жайгашкан Улуучат, Ак-Суу, Он-Суу, Жаркент, Жаңышаар, Ташкоргон, Гума жана түндүк Шинжаңдагы Текес, Калмакур, Дорбилжин, Яньшар жана башка кыргыздар жашаган ооданда, шаарларда тараган. Комуз бийи-комуз чертилгенде импровизациялык аткаруунун негизинде өнүккөн бийдин бир түрү. Аткаруучулардын колундагы комуз бийде колдонулуп, ал коштоочу музыкалык аспап да болуп эсептелет. Аткаруучулар бийлеп да, комуз чертип да жандуу бийди тартуулашат, жашоо-турмуш деми күчтүү. Эркектердин бийинин өзгөчөлүгү – комузду чертишип, анын дененин ар кайсы жерине, мисалы, ийинге, аркага, буттун астына ж.б. жайгаштырып, адамдын денеси менен, ар кандай кыймылдарды жасашып, азил-тамаша менен кызыктуу бийди бийлешет. Бийди бир нече киши, эки киши же бир киши аткарышы мүмкүн. Көп киши чогуу бийлегенде бири-бири менен кызматташып, кыймылдары тегиз жана бир калыпта болот. Жалгыз бийлегенде, бийчинин кыймылы көбүнчө импровизацияланган жана жеке жөндөмүнө жараша ийкемдүү болот. Эки киши бийлегенде аял менен эркектин кызматташуусу аркылуу аткарылат. Ал кишинин бийи ооз комуз ойногону менен чектелгендиктен, бий кыймылы эркектердикиндей көп эмес, аспапта ойноо менен дене бир аз термелип, ооз комуз менен добуш салат, эркек бийчинин кыймылына жараша бийлейт, негизги кадамдары «басуу кадам» жана «артка карай кадам».

Комуз бийи жалпы эл чогулган жерлерде аткаруудан тышкары, негизинен кыргыздарда «үлүш» деп аталган массалык оюн-зоок жайларында аткарылат. Үлүш – кымыз ичүү жарышына негизделген, элдик адабият жана элдик көркөм чыгармачылыктын оюн-зоок түрү. Жыл сайын июль-август айларында, жайлоодо кымыз мезгили келгенде, кыргыздар боз үйдүн алдындагы жерге чогулуп, үй кожойкеси жасаган кымыздан даам татышат. Комуздун шаңдуу күүсүнүн коштосунда үй кожойкеси келген конокторго кымыз сунуп турат. Ким көп ичсе, аны баары макташат. Ким кымызды кусуп салса, ал бир өнөр көрсөтүшү керек. Аткаруу түрүнүн чеги жок, жомок, тамаша айтуу, ырдоо, бийлөө, жаныбарларды тууроо өнөрлөрдү көрсөтсө болот. Эч кандай өнөр көрсөтө албаса, кийинки жолу анын үйүнө барып кымыз ичишет. Бул жайлоо маданиятынын жана искусствосунун кайталангыс түрү, элдик чыгармачылык өз таланттарын көрсөтүүгө шарт түзүп гана тим болбостон, элдик чыгармачылыктын түрлөрүн өнүктүрүүгө да салым кошот. Бул иш-чарада искусствонун айрым түрлөрү дагы өнүгүп кеңири жайылтылып келет. (5). Шырдак бий

Шырдак бийи-кыргыз аялдарынын күнүмдүк турмушта шырдак жасаган эмгегинин негизинде пайда болгон. Бий негизинен турмуштан түздөн-түз алынган окшоштурулган кыймыл-аракеттерге негизделет, мисалы: жүн кыркуу, тебүү, бастыруу, ийлөө, сайма сайуу ж.б. Бир же бир нече бийчилер тизелеп отуруп же бутту бүгүп отуруп жүн кыркуудан баштап сайма сайганга чейинки бардык шырдак жасоо кыймылдарын кезеги менен аткарышат. Шырдак бийинин аткаруу тартиби сааш бийине окшош келет, бийдин башында бир же бир нече бийчилер, шырдак бийинин күүсүнүн коштоосунда аянтчага киришип, көрктүү кыймылдар менен шырдак жасоонун тартибине ылайык бийди ырааттуулук менен аткарышат, ар бир кыймыл көп жолу кайталанып, акырында «кийизди мактоо» менен бий аяктайт.

БЕШИНЧИ БӨЛҮК.

ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРИ

Кыргыз элинин диний ишенимдери ар кандай тарыхый доорлордо ар түрдүү болгон. Алгачкы табияттын көрүнүштөрүнө табынуудан баштап, азыркы Ислам динине чейинки ишенимдери кыргыздардын ички жан дүйнөсүнө терең из калтырган. Алгачкы табияттын көрүнүштөрүнө табынуу жана шаман дини кыргыздарда терең тамыр жайган жана азыркыга чейин алардын жашоосуна таасирин тийгизүүдө.

  1. ТАБИЯТ КӨРҮНҮШТӨРҮНӨ ТАБЫНУУ

(1). Күнгө сыйынуу

Адамдар эртең менен турганда, эң биринчи эле күндүн чыгышын көрүшөт, ал эми кечинде адамдар күндүн батканын карашып кыялданышкан. Күндүн чыгышы менен батышынын кайталанышы алгачкы адамдар эң оңой байкаган кубулуш болгон. Бирок байыркы адамдар бул үзгүлтүксүз кубулуштарга илимий жана жүйөлүү түшүндүрмөлөрдү бере албагандыктан, күндү эң алгач Кудай катары караганы табигый нерсе. Байыркы кыргыздардын күнгө сыйынуусунун эң типтүү мисалы – боз үйдүн эшигин күн чыгыш тарапка ачышкан, эч качан башка тарапка карай ачышпайт. Кыргыз элинде күндүн пайда болушу жөнүндө төмөнкүдөй уламыш бар: Уламыш боюнча  байыркы доордо, Ааламдын периси жердин жети катмарын жана дүйнөдөгү бардык нерселерди жаратып, жер үстүндө бардык нерселер  жашап көбөйгөн. Дүйнөдөгү бардык нерселердин ичинен От перисинин ниети жаман болуп, жерге үстөмдүк кылууну каалайт. Жылдар өтүп, ал дүйнөдөгү бардык нерсени от менен өрттөп, жерди оттуу деңизге айлантат, жашаганга мүмкүн болбой калат. От перисинин мындай жүрүм-туруму Аалам перисинин ачуусун келтирген. Аалам периси От перисине жамандык кылууну токтотуп, дүйнөдөгү бардык нерсенин жашашы үчүн жерди кайтарып берүүгө буйрук кылат. От периси кулак салбай, басып алган жерди кайтарып берүүдөн баш тартат. Аалам периси абдан ачууланып, дароо чоң Көк өгүзгө айланып, башындагы 40 кулачка жеткен узун мүйүздөрү менен От перисин сүзөт. Алар көпкө чейин күрөшүп, акыры От периси туруштук бере албай, көк асмандан орун беришин суранып жалбарат. Көк Теңири анын өтүнүчүнө макул болуп, ага асмандан жашынууга орун берет. Натыйжада От периси асманга качып чыгып, ал эл «күн» деп атаган нерсеге айланган.

От кудайы асманга качып кеткенден кийин, ал дагы эле жерге кайтууну каалап, бүт жер жүзүндө үстөмдүк кылууну кыялданат. Ал күнүгө тилин чыгарып, жерди жалап, жерди отко айлантып, дүйнөдөгү бардык нерсенин жашоосу кыйын болот. Дүйнөдөгү бардык нерселердин жашап жана көбөйүүсү үчүн Аалам периси Муздак перисин асманга көтөрүлүп жерди муздатууга буйрук берет. Муздак пери асманга көтөрүлгөндөн кийин, аны адамдар «ай» деп аташат.

От кудайынын тынымсыз күйүп турганынан улам жердин жети кабаты, акырындап тоголок формага айланат, Аалам периси менен От перисинин ортосундагы болгон күрөштөн калган издер тегиз эмес тоо-көлдөргө айланат. От периси кайрадан жамандык кылбашы үчүн Аалам периси чоң балыкка минип, мүйүздөрү менен жети кабат жерди тиреп турат. Ошол чоң балык дагы эле «Кем» деген океанда сүзүп жүрөт. Ошентип, күн ар бир күнү чыгып, баарын күйгүзүп, жерге үстөмдүк кылууга аракет кылса да, Көк өгүздүн чоң мүйүзүнөн коркуп, жерди асмандан карап, жерди жалап, чарчаганда асманга кайтат. Күн кеткенден кийин жерди муздатуу үчүн ай чыгат. Ошентип, бардык нерселердин жашоо чөйрөсү калыбына келген[1].

Жогорудагы уламыштан кыргыздардын түшүнүгүндө күн периси менен от периси бир эле перинин эки башка көрүнүшү экенин даана көрө алабыз. От периси белгилүү деңгээлде күн периси менен бир теңдикте же күндөн келип чыккан, күн өзү чоң оттуу шар болуп эсептелет, оттун булагы жана жарыктын, жылуулуктун булагы болуп саналат. Муну байыркы адамдар да таанып, ар кандай мифтерде билдиришип, бул көз карашты өздөрүнүн жашоосунда карманышкан. Кыргыздардын «Нооруз майрамынын» ырым-жырымдарынан, оттун бийик даражасын жана адам жашоосундагы жогорку ордун ачык көрө алабыз.

Таң дооруна тиешелүү жазууларга караганда, байыркы кыргыздар «бычак менен бетин тилишип аза күтүшпөйт, үч жолу маркумду айланып ыйлашат, өлүктү өрттөшөт, сөөктөрүн чогултуп, бир жылдан кийин жерге көмүшөт, анан ыйлашат»[2].  Бул жердеги үч жолу маркумду айланганы, маркумга кийинки жашоосунда бейпилдик жана бакыт табышы үчүн аткарылат, ал эми өлүктү отко өрттөшкөнү, адамдын жамандыктарын менен күнөөлөрүнөн арылтыш үчүн, акыры Жер эненин кучагына беришкен. От эң ыйык нерсе, от адамды күнөөлөрүнөн арылтат деп эсептешкен. Ошондуктан байыркы кыргыздарда өлүктү алгач өрттөп, денесиндеги күнөөсүн жок кылып, анан сөөктү көмүү салты болгон. Кыргыздар адам баласы бул дүйнөдө көп жамандык кылат, өлгөндөн кийин жер эне кабыл алуусу үчүн, сөзсүз от менен өрттөш керек деп эсептешкен. От менен өрттөгөндөн кийин, адамдын бул жашоодо кетирген ар кандай каталары, күнөөлөрүнүн бардыгы тазаланат дешип өлүктү өрттөшкөн. От жамандыктарды тазалоочу гана эмес, үйдүн коргоочусу да болгон, ошондуктан үйдөгү отту оңой менен сыртка алып чыгып же кошуналарга беришкен эмес. Кыргыздар от менен бирге үй-бүлөнүн берекеси кетет деп ойлошкон. Тиричилигинде от менен ооруларды айыктырышып, тазалоо сыяктуу иштер үчүн да колдонушкан, ошондуктан адамдар тарабынан да ыйык тутулган.

[1]  «Кытайдагы бардык этникалык топтордун диндеринин жана мифтеринин сөздүгү» редакциялык комитети тарабынан редакцияланган: «Кытайдагы бардык этникалык топтордун диндеринин жана мифтеринин сөздүгү», Сюэюань басмасы, 1990, 369-370-б

[2] «Таң династиясынын жаңы тарыхы: Сяцзясы баяны»

(2) Айга сыйынуу

Кыргыз мифологиясында адамды Теңири жараткан, ал эми Теңири жараткан биринчи адам «Ай ата» деп айтылат.

Ошондуктан адамдар айга сыйынышкан. Көбүнчө айды карап заара кылууга тыюу салынат, эгер тыюуну бузса, айдан ырайым сураш керек. Адамдар айды көргөндө ордунан туруп сыйынышкан, тынчтык тилеп, өздөрүнө бакыт алып келсин деп дуба кылышкан. Нооруз майрамынын түнүндө, ай чыкканда жайлоодогу адамдар жүгүнүшүп айга сыйынышат. Айды ыйык тутушун, баатырларды жана сулуу кыздарды айга теңештиришкенинен да байкаса болот. Ай менен баатыр каармандардын салыштыруусу элдик адабиятта арбын кездешет. «Манас» эпосунда Манас баатыр «Айкөл» деп аталат, анын мааниси ай көлдөй тунук жана жарык, ак көңүл Манас баатыр дегенди билдирет. Белгилүү манасчы Эшматтын айтуусунда «алтын танап ак өргөө, айдай Манас баатырым! Күмүш танап көк өргөө, күндөй Манас баатырым!» ушундай салыштыруу көп кездешет. Бул вариантта Манас баатыр менен айдын ортосундагы жакын мамиле төмөнкүдөй сүйлөмдөр менен да берилген: «Эр Манастын ак өргөө, ай бактыра тикти дейт; Кыз Сайкалдын ак өргөө күн бактыра тикти дейт[1]. Мындан тышкары, баатыр перидей сулууга үйлөнгөнү да айга салыштырып айтылышы, анын баркын жана сулуулугун билдирет. Семетей баатырдын аялынын аты Айчүрөк, асмандан түшкөн айдай пери дегенди билдирет. (3) Асманга сыйынуу

Кыргыз эли эзелтеден бери эле асманга сыйынган. Асманга курмандык чалуу, асманга сыйынуу кыргыз элинин байыркы каада-салттарынын калдыктары. Көк асман перилердин мекени деп эсептелип, аны «Теңир» деп аташат. Теңир табияттан тышкаркы күчкө ээ, ал дүйнөдөгү бардык нерселердин ээси. Кыргыздардын ата-бабалары жашаган Эне-Сай дарыясынын аймагында табылган таш эстеликтерде «Теңир» деген жазуу бар, бул алардын 6-9-кылымдарда асманга сыйынышкандыгын көрсөтүп турат. Элдин Теңирге сыйынуусу бара-бара асман кудайына сыйынууга айланган. Материалдашкан «Теңир» акыры дүйнөдөгү бардык нерсенин тагдырын чечип, адам дүйнөсүнө жакшылык менен жамандыкты тартуулаган асман кудайына айланат. Асман көк болгондуктан, ал кыргыз тилинде «көк» деп аталып, кыргыз элинин көк нерселердин баарына сыйынышат. «Манас» эпосунда Манас баатырды сүрөттөө үчүн «көк бөрү», «көк жал» көп колдонулат. Манас чыккынчы Көзкамандар тарабынан өлтүргөндөн кийин, Манастын сөөгү «көк дарыяда» жуулгандан кийин, баатыр тирилген[2].  Теңирге сыйынуу – кыргыз элинин эң байыркы салты. Кыргыздардын асманга сыйынуусу негизинен бир нече өңүттө көрүнөт: Биринчиси, адамга өмүрдү Теңир берет, ошондуктан мураскери жок болгондор асманга сыйынышкан. «Манас» баатырдык эпосунда, көк асманга сыйынып, бала тилегени көп сүрөттөлөт. Манас – атасы көк асманга сыйынып тилеп алган уул. Манастын уулу Семетей да, Кошой акылман эл менен чогуу асманга сыйынгандан кийин төрөлгөн, бардык баатырлар согушканды жакшы билишет, анткени алардын баары Теңирдин балдары. Экинчиси – көк асманга ант берүү. Кыргыздар көк асман бардык нерсенин кожоюну, адамдарга жакшылык тартуулай алат, адамдарды жазалай да алат деп ишенишкендиктен, башына мүшкүл түшкөндө көк асманга карай ант беришкен. Асманга ант берүүнү кыргыз мифтери менен эпостордон көрүүгө болот. Баатырлар биримдик түзүшүп, Теңирге карай ант беришет. Ким чыккынчылык кылып, убадасына бек турбаса Теңир жазасын берет деп ойлошкон. Үчүнчүсү – кыйынчылык болгондо көк асманга жалынып, жардам сурашкан. Байыркы кыргыздар жортуулга аттанганда, курмандык чалуу каадасын да өткөрүшкөн, Теңирден бата сурап тиленишкен. Ооруну айыктыруу үчүн шаман бакшыны чакыруусу да теңирчиликке берилгендигин билдирет.

Алар ошондой эле абаны теңир күчтөрүнүн бири, аба сыйкырдуу күчкө ээ жана абдан ыйык деп эсептешет. Аба ырайы ачык болсо, Теңирдин адамдарга болгон камкордугу, ошондуктан асмандан салкын аба жана жетиштүү жамгыр беришин суранышат. Адамдар каргоодо же ант беришкенде асман менен жерди айтып өтүшөт, кыйынчылыкка, каатчылыкка кабылганда асманга карай дуба кылып тиленишкен.

Теңирчиликтин кыргыздарда сакталып калышы, эл аны эң күчтүү кудайлардын бири катары тааныйт, анын күчүнөн коркуп, жазалоосунан коркушат. Анткени көк асман адамдарга бакыт, байлык гана алып келбестен, адамдарга кырсыктарды да алып келе алат. Байыркы түрк элинин каада-салты сыяктуу эле кыргыздар да асманга сыйынуу жөрөлгөсү үчүн курмандыка мал союшат.

[1] Лан Йиң. «“Манас” жөнүндө изденүү», Ички Монголия университетинин басмасы, 1999, 435-б

[2] Лан Йиң. «“Манас” жөнүндө изденүү», Ички Монголия университетинин басмасы, 1999, 435-б

4. Жылдыздарга сыйынуу

Байыркы кыргыздар асмандагы ар бир жылдыз жердеги ар бир жандыкты билдирет деп ишенишкен. Ар бир адам жарык дүйнөгө келгенде асманда да бир жылдыз жанып турат. Ар бир адамдын өмүрү жылдызга тиешелүү болот. Асманда өз жылдыздары жымыңдап турса, анда адамдар дени сак болуп жашайт. Жылдыздар канчалык жаркырап турса, адамдар ошончолук нурлуу болуп, жашоосу бакубат, бактыга толот. Асманда жылдыз учса, бир өмүр өткөнүн билдирет. Кыргыздарда анын «жылдызы бар» экен деп айтылат, ал сөздүн мааниси анын жүрүмтуруму жакшы, асыл сапаттары бар экенин билдирет. Бул түшүнүк бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Ошондой эле кыргыз мифологиясында Жетиген, Үч Аркар, Темир Казык жана башка жылдыздар жөнүндө көптөгөн мифтер бар. Бул мифтер Жетиген, Темир Казык жана башка жылдыздардын келип чыгышын айтып гана тим болбостон, жылдыздарга сыйынуу түшүнүктөрүн да камтыйт. Уламыш боюнча, Жетигендин Чолпон аттуу сулуу кызы бар. Чолпон – кыргызча таңкы жылдыздын аты. Бир жаш жигит менен Чолпон бири-бирин жактырып калышат, мүнөзү начар Жетигендин сарайынан качып кетишет. Жетиген мындай маскарага чыдабай, артынан кууп жөнөйт. Алар Жетиген кууп келе жатканда, абдан коркушат, экөө тең жылдызга айланып, асманга көтөрүлүшөт. Жетиген да айласыздан жылдызга айланат. Ушул күнгө чейин, алар бири-биринин артынан кууп жүргөнү айтылат. Үч Аркар жөнүндө да уламыш бар. Илгери бир мергенчи 40 аркарга аңчылык кылган дешет. Анын 37 атып, үчөө гана калганда, алар сыйкырчылык менен асманга көтөрүлүп, үч жылдызга айланган. Мергенчи аргасыздан көк асманга жалынып, асманга көтөрүлүүнү суранат. Көк асман анын такыбалыгына боору оруп өтүнүчүнө макул болот. Ошентип, мергенчи үч аркарга болгон аңчылыгын улантат, бирок ушул күнгө чейин асманда аркарларга аңчылык кылып, кайра кайтып келген эмес. Үч аркар менен мергенчи асмандагы жылдыз бойдон калышкан. Кыргыздарда адамдар менен асмандагы жылдыздардын мамилеси жөнүндө ар кандай уламыштар кеңири тараган. Мунун баары кыргыз элинин турмушунда жылдыздардын канчалык маанилүү экенин, алардын жүрөгүндө бийик мартабасын айгинелейт. Темир Казык кыргыз элинин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт. Алар Темир Казык ааламдын киндиги, ааламдын борборунда жайгашып, кыймылсыз топ жылдыз жана алтын казык, бүт аалам Темир Казыктын айланасында айланат деп эсептешет. Ошондуктан, көбүнчө эркектерге «Темир Казыктай күчтүү жоокер болсун» сыяктуу каалоо айтышат. Кой жылдызы адам баласына бакыт алып келүүчү башкы пери, ошондуктан Кой жылдызы чыкканда, чогуу майрамдап, бакубаттык тилешкен. Албетте, кыргыздар жылдыздарга болгон түшүнүгү ар кандай, Венера менен Юпитер адамдарга ийгилик жана тынчтык алып келет, ал эми Марс – бактысыз жылдыз деп ойлошот.

Жылдыздар жамандыкты кетирип, ыпластыктарды тазалоо милдетин аткарат деп ишенишет. Адам каза болгондон кийин маркумдан калган кийимдер, өлүктү тазалоого катышкан туугандарына жана жакындарына таратылат. Кийим алгандар алып келген кийимдерди жылдыздарга көрсөтүш үчүн боз үйдүн сыртына жайышкан. Мындан тышкары, кепин менен кийизди да түнү менен сыртка жайышат[1].  Хэйлунжаң Фуюй (Фуйү) ооданындагы кыргыздар жыл сайын 25-октябрда Жетигенге сыйынуу аземин өткөрүшөт. Адамдар кара ундан жана майдан10 000 будда фонарларын жасашат.

(5) Жерге жана тоо-сууга сыйынуу

Байыртадан кыргыздар жерди «Жер эне» деп атап келишет. Адам баласы жер бетинде төрөлүп, өлгөндөн кийин анын кучагында уктайт. Жер эне дагы өлгөндөрдү тиги дүйнөдө коргоп, ага экинчи өмүр тартуулайт. Адам өлгөндөн кийин сөөгү дароо жерге көмүлбөйт, чирип бузулганга чейин табытта сакталат, ак сөөктөр калганда гана жерге көмүлөт. Себеби, алардын көз карашында, тирүү кезинде кетирген күнөөлөрү дене менен кандын ичинде катылган. Өлгөндөр тиги дүйнөгө кеткенде, алар күнөөсүн жерге кайтарбай, күнөөсүн жуугандан кийин гана сөөктү ыйык Жер энеге бериш керек. Ошондуктан, кимдир бирөө өлгөндө, адамдар алгач маркумдун денесин өрттөп же жыгач табытка салып, аны табытты даракка илип, чиригенче күтүшөт, маркумдун денесинде жана канында сакталган күнөөлөрдөн арылганда, сөөктү жерге көмүшөт. Бул тууралуу 19-кылымда казак этнографы Чокон Валиханов жазып алган «Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» деген бөлүмүндө маалымдалат. Көкөтөй баатыр өлөр алдында анын сөөгү гана калганда, жерге көмүшүн керез кылып айткан. Ошондуктан кыргыздар жерди өзгөчө ыйык көрүшөт. Эгерде кимде ким Мекенди сыйлабаса, ал энеге чыккынчылык кылат, жерди сыйлабаса, өлгөндөн кийин жер аны кабыл албайт деп эсептешет. Азыркыга чейин, эл мекенинен кеткенде кичи мекенинин топурагын чүпүрөк менен ороп, туулган жерине суктануусун, сагынычын билдирип, Жер-Эне аларга бакыт тартуулайт деп үмүттөнүшөт. Кыргыз элинин жерге сыйынуусу салттуу «Нооруз майрамында» жана «Күзгү түшүм майрамында чагылдырылган. «Нооруз майрамында» жети түрдүү даамдан көжө жасалат, бул ишенимден калган. Дыйкандар күзүндө эгин бастырганда, кырман ырларын ырдашкан. Капка салганга чейин, талаадан топурак казып алып келип,  буудайдын үймөгүнө салышкан, өгүз тезегин топурактын үстүнө коюшкан. Андан кийин буудай талаасынан жети машакты терип келип, өгүз тезегине сайышкан. Ошондон кийин кожоюн бир койду союп, койдун канын эгин сапырган күрөккө агызган, анан күрөктү үйүлгөн буудайдагы өгүз тезегинин жанына коюшкан. Курмандыкка союлган кой «чечкор» деп аталат. Койду бышырып, кошуналарга, туугандарга, досторго тартышат. Буудайдын үймөгүнө өгүз тезегин коюу алгачкы диний ишенимге байланыштуу. Кыргыз элинин мифинде дыйканчылыктын пири Баба дыйкан жерге түшүп, Теңир ага өгүз бергени айтылат. Баба дыйкан бул өгүздү эгин себүү үчүн колдонуп, элге жер иштетүүнү үйрөткөн. Өгүз тезеги бул ыйык өгүздүн белгиси болуп эсептелет. Ошондуктан адамдар жер айдап, оруп жатканда дыйканчылыктын пири Баба дыйканга, өгүзгө жана жерге сыйынышып, түшүм мол болушун тиленишет. Койдун этин жеп, курмандык чалуу аземи бүткөндөн кийин, буудайдын үстүндө турган күрөктү көтөрүүгө бир карыяны чакырып, ал үйүлгөн буудайдын дандарын күрөк менен алып, топурак, өгүз тезеги менен кошо көтөрүп эгин бастырган жерге алып келет, бул жөрөлгөнү Манас баатырдын аты Аккулага арнашкан, аны менен Манас баатырга болгон урмат-сыйды билдиришкен. Ошол эле учурда, баатырдын арбагына сыйынышып, урпактарын колдоосун өтүнүшкөн. Буудай таңга маал капка салынып кампага киргизилет, жакшы түшүм алган дыйкан да түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жардамга келген адамдарга, жакырчылыкта жашаган кедейлерге бериши керек. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары, мол түшүм алган адамдан бир аз дан сурашы керек, бул «кепсен» деп аталат, кийинки жылы андан да көп түшүм алып, бай жашоого умтулууну билдирет.

Тоо, сууну ата-эне катары көрүү – кыргыз элинин тоо-сууга сыйынуусунун эң мүнөздүү түшүнүгү, алар тоосууга болгон терең сезимин билдиришкен. Кыргыздардын тоо-сууга сыйынуусу, алардын байыркы алгачкы ишенимдери, өзгөчө өндүрүш жана жашоо чөйрөсү менен тыгыз байланышы бар. Көчмөн мергенчилик менен күн кечирген байыркы кыргыздар муундан-муунга бийик тоолуу жайлоодо жашашып, мал багышкан. Согуш мезгилинде, кыйынчылык коркунучунда турганда, тоолор кырсыктардан сактануу үчүн табигый тосмо. Алардын жашоосу тоолор жана суулардан көз каранды. Тоолордогу жайыттарга таянуу менен мал багышып, ал эми тоодогу муздар ээрип суу болуп адам өмүрүн улантууга шарт түзгөндүктөн, аларда ыраазычылык түшүнүгү калыптанган. Тоо-суусуз жашоо болбойт, тоого-сууга таянган кыргыз эли тоо-сууларды бүткүл элдин ата-энеси катары кабыл алган. Баатыр жортуулдан кайтып келгенде, энеси бөлмөгө кирерден мурун баатырдын башынан суу толтурулган чөйчөктү үч жолу айлантат, анан баатыр анын ичине түкүрүп, чөйчөктөгү сууну таза жерге төгөт. Мунун себеби, суунун ыпластыктарды жана күнөөлөрдү жууган таасири бар деген ишенимде аткарылат. Баатырлар согуш талаасына барып, кандуу салгылашат, жогорудагы ыкмалар баатырлардын жан дүйнөсүн жууп, адам өлтүрүү күнөөсүн да жууп салат. Манас баатыр жортуулага аттанганга чейин, булакка барып төлгө ачкан, булактын суусуна колун салганда, булактын суусу жылуу болсо, анда ишеним менен жортуулга чыкса болот, эгер суу муздак болсо, алдыда кыйынчылык көп болуп, жортуул ийгиликсиз болот дегенди билдирген. Суу менен кырсыктарды, жамандыктарды жок кылуу – кыргыз элинин байыркы ишениминин калдыктары, шаман бакшы айыгуу жөрөлгөсү учурунда суу толтурулган чөйчөктү кармап оорулуунун башынан үч жолу айлантышып же сууга малынган тал же арчанын бутагы менен оорулууну акырын чабышкан. Манастын атасы Жакып Манаска кара ниеттик кылып, Манасты тымызын каргаган. Манастын энеси Чыйырды атасынын каргышын жок кылуу үчүн, сырт жакка бир табак суу алып келип «Ач көз Жакып жазасын алсын, Манас аман-эсен кайтып келсин», – деп айтып сууну төккөн. Суунун ооруларды айыктыруучу жана кырсыктарды жок кылуучу өзгөчө күчү бар деген ишеним, азыркы кыргыз элинин түшүнүгүндө дагы эле бар. Балдар ооруп калганда, таза суу куюлган чөйчөктү башынан үч жолу айлантып, атайы сөздөрдү айтып, балдар идишке түкүрөт, аны кечинде төгүшөт. Жаман түш көргөндө да ушундай ыкма менен «Түш түлкүнүн богу, түн менен тарасын» деп айтып, аны сыртка төгүшөт, бул бардык жаман жышаандарды жок кылат деп ишенишет.

Тоо-сууга сыйынуу кыргыздардын турмушунун бардык тармагында чагылдырылган. Байыркы кыргыздар жортуулдарга чыкканда тоо кудайынын коргоосун жана кудуретин алуу үчүн тоонун этегинде курмандык чалышкан. Манас аскерлерин жортуулга алып чыгардын алдында, Жамгырчы аксакал өзү аларга сыйынуу аземин өткөргөн. Алып баруучунун сыйынуусу: «Оо, Самарканддын деңизи, сен толкуган көлсүң, кең акылың Манаска ырайым болсун, толкунуң Сыргак баатырга жар болсун», деп айтат. Баатырлар ант бергенде «ак мөңгүлүү тоо урсун, аркырап аккан суу урсун», деп көп айтышат. Бул сыйынуу жөрөлгөсү жана сыйынуу сөздөрү, байыркы кыргыз элинин тоо-сууга сыйынуусун чагылдырат. Кыргыздар ыйык булактын суусу өлгөндөрдү тирилтүүчү сыйкырдуу таасирге ээ деп эсептешет. «Манас» эпосунун бир вариантында баатырды душман ууландырып, ал өлүп жатканда жараатын тунук ыйык булактын суусу менен жууп, баатырдын өмүрүн сактап калышат. Дагы бир вариантта Манас баатырды чыккынчы Көзкаман уулу менен өлтүргөндө, Манастын сөөгүн анын шериктери дарыяга жууп, дарыянын күчү аны кайра тирилткен.

«Манас» эпосунда «Кайып тоо» деп аталган перилер жашаган жер бар. Баатыр өлгөндөн кийин ушул ыйык тоодо жашайт. Кайып тоодогу перилер баатырларга турмушка чыгуу үчүн жерге түшүшөт жана баатырларга күчтүү душманды жеңүүгө жардам беришет.

Кыргыздардын тоо, сууга сыйынуусу жердин сакташы үчүн сыйынуу же ыраазычылык билдирүү сыяктуу курмандык чалуу жөрөлгөлөрүндө да чагылдырылган. Бул жөрөлгө кыргыздарда «Жер-Суу тайуу» деп аталат, көбүнчө кургакчыл мезгилде жасалат, ошондой эле жазында жана күзүндө да жүргүзсө болот. Салтанат башталар алдында, ар бир түтүн бир кой же 7 нан алып келиши керек, казан-аяктарды дарыянын жогорку агымына алып келип, мешке орнотушу керек. Салтанатка эркектер да, аялдар да, балдар да катыша алат. Курмандык союлуп жатканда эл батышты карап чөгөлөп, жаштар союла турган койду батыш тарапка башы менен кармап алышып, баары алакан жайып: «Кудай берекесин берсин! Теңир берекесин берсин! Бизге жамгыр бере көр»,– деп айтышыт. Койлор союлуп, каны дарыя суусуна куюлуп, бышырылгандан кийин баары чогуу жешет. Ушундай эле ырым-жырымдарды адамдар ооруганда жасашат. Мисалы, үй-бүлө мүчөлөрү бейтапты жакын жердеги Мазарга алып барып сыйынышат, мал (көбүнчө эчки же кой) союшат, туугандарын, досторун чакырып, тамактанышат.

«Жер-Суу тайуу» – жөрөлгө мал чарбачылыгына гана эмес, өндүрүшкө да тиешелүү. Муну менен эл жаан-чачын мол болуп, мал чарбасы өнүгүп, дыйканчылыкта жакшы түшүм болсун деп үмүттөнүшөт. Эгерде дыйканчылык аймактарда курт-кумурскалар оорусу катталса, эл мал союп эле тим болбостон, буудайга канын чачып, жерге эгинди сактасын деп сыйынышат. Мал чарбачылык аймактарда туут маалында же күзүндө кышкы жайытка жер которгон мезгилде ар бир уруунун мүчөсү чогулуп, меш орнотуп, сойгонго мал алып келип, кадырлуу карыя менен сыйынышат, асман, жер, суу колдоочуларын жалынып, уруу-уруктун мүчөлөрүн оорудан алыс кылып, аман-эсен, бакубатчылыкка, эл-журттун ден соолугу чың болсун деп бата кылышат. Андан соң ар бир үй-бүлө алып келген тамак-аштан жана союлган курмандыктын этин жешет. Асманга жана жерге сыйынуу ырым-жырымдары, мисалы, азыркы кыргыздардын «Жер-Суу тайуу» сыяктуу ырым-жырымдары ислам динин элементтери да кошулган, бирок көптөгөн байыркы алгачкы касиеттерин сактап келет.

Жогорудагы ар кыл аң-сезимдерден, үрп-адаттардан кыргыз элинин жерге-сууга сыйынуусу эки өңүттөн көрүнүп турганын байкайбыз. Биринчиси, жалпы түшүнүктөгү жерге, сууга сыйынуу, алар ыпылас нерселерди жууп кете турган ыйык касиетке ээ. Экинчиси, белгилүү ыйык жерлерге жана ыйык булактарга сыйынуу ж.б.

[1] С.М. Абрамзон. «Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер», 1999, 207-б.

(6) Шамал, жамгыр жана чагылганга сыйынуу

Чагылганга сыйынуу – кыргыз элинин байыркы алгачкы элдик ишенимдин калдыгы. Жыл сайын кеч жазда, асманда биринчи жолу чагылган чартылдаганда, адамдар катуу кыйкырып «Жер жарылып чөп чык, желин айрылып сүт чык!»,– деп ырдашып чагылгандан жардам сурашат. Жаңы жылда жайыт жайлоодо малы берекелүү, сүтү арбын болсун деп тилек кылышат. Асмандан күн күркүрөгөнүн укканда, адамдар казан-аяк алып, аларды кагыштырып боз үйдү үч жолу айланып чуркашат. Бул күн күркүрөшүнүн жана чагылгандын колдоочусуна болгон урматты билдирет. Байыркы «Дамбыр таш» деп аталган элдик ырдан чагылганга жана күн күркүрөгөнгө сыйынуусун байкаса болот.

Дамбыр, дамбыр, дамбыр таш,

Дамбыраткан кызыл таш,

Жамгыр жаады күркүрөп, Челек, тулга калдыр таш.

Күн күркүрөп көп жаа, Жер жарылып чөп чык, Желин айрылып сүт чык. Чебичегим челеңдеп, Челек, челек сүт бер.

Тоо жарылып от чык,

Токтучагым тороңдоп, Торочу, торочу сүт бер.

Байчечекей башбаксын, Арык-торук кой, козу, Көккө тоюп жан баксын. Жыл жадырап эртелеп,

Келишинен кайтпасын[1].

Кыргыз элдик мифте чагылган жана күн күркүрөө боюнча мындай түшүндүрмө бар: Жамгыр жааганга чейин, асман жарк этип, күн күркүрөйт. Бул Асман кудайы өкүрүп, колундагы алмаз кылычын булгалап, жарыктын шоолаларын чыгарып, жердеги желмогуздарды атат.

[1] «Шинжаң Ай-Чий ооданы элдик ырлар жыйнагы», 1991, 213-б

(6) Отко сыйынуу

Кыргыз элинде негизинен оттун аткарган өзгөчө кызматы адамдардын жашоосу менен тыгыз байланышта болгондуктан, отко сыйынуу түшүнүгү жана үрп-адаты калыптанган. Алар от адамдын өмүрү менен тыгыз байланышта деп эсептешет. От-жашоонун үмүтү жана жарыктын белгиси. Сяцзяцы от пири адамдарга жарык, жылуулук алып келүү менен чектелбестен, кырсыктарды жок кылып, жиндерди кууп чыгара алат деп ишенишкен. Отко сыйынгандыктан от менен байланышкан бардык нерселердин ыйык касиети бар. Мисалы, боз үйдүн ортосуна орнотулган коломто, чырак, меш ж.б. Ошол себептен отко суу чачышпайт, күлдү, эски очокту тепселебейт. Сяцзяцы Умай эне Теңир менен бир катардагы оттун пири деп эсептешкен. Ал коломтонун коргоочусу гана эмес, келечек муундардын да коргоочусу. Орхон-Энесай жазуусу боюнча, сяцзяцы элинен тышкары түрктөр да бул пирге ишенишкен. «Күлтегин» таш эстелигинде Күлтегиндин апасын Катынды Умайга теңештиришет, «Тон-Йокук» таш эстелигинде Умай менен асманды катарлаш коёт[1].  «Ким Умайды урматтап ишенсе, ал уулдуу болот», ошол кезде санат сөзгө айланган. Умай пирине сыйынуу матриархаттык коомдун мурасы экени талашсыз. Отко сыйынгандыктан, 10-кылымда кыргыздар «шам чыракты өчүрбө, ал өзү өчүшү керек» деп айтышкан[2].  Отко сыйынууну азыркы кыргыздардын жашоосунан да көрүүгө болот. Мисалы, бала төрөлгөндө алыска карай мылтык атылат, Нооруз майрамында жиндерди кууп чыгуу үчүн арча түтөтүшүп, адамдардын башынан айландырат, жанып жаткан оттун ортосунан адамдарды, малды өткөрүшөт. Келин күйөөсүнүн үйүнө барып, босогону аттагандан кийин биринчи кыла турган иши, коломтого бир аз май кошуп от жагат, андан тышкары отко суу куюуга, түкүрүүгө, өчүрүүгө катуу тыюу салынат. Бул адаттар байыркы отко сыйынуу менен байланышы бар.

[1] Цэнь Чжунмянь. «Түрк жазуусундагы Тон-Йокуктун салымы эстелиги» (кытай котормосу), «Түрктөрдүн жалпы тарыхы» (2-том).

[2] «Мисирге саякат», «Өмүр өрнөктөрүнөн» алынды, Шинжаң элдик басмасы, 1985, 51-б.

(8) Жаныбарларга сыйынуу

Кыргыз элинин жаныбарларга сыйынуу үрп-адаты бар, ал алардын аңчылык менен болгон байыркы жашоосунан келип чыккан. Кыргыз мергенчилери жапайы жаныбарлардын терисине жана этине көз каранды болушкан, жырткычтардын кол салуусуна да кабылышкан. Бул көз карандылык жана коркуу сезими жаныбарларга сыйынууга алып келген. Ошол эле учурда кыргыздын атабабаларынын өндүрүшү жана жашоо-турмушу, алардын байыртадан бери келе жаткан эрдикке үндөгөн улуттук аң-сезимин пайда кылган. Кыргыз ата-бабаларынын көз алдында жырткыч айбандар теңдешсиз күчтүү, ал тургай айрымдары кудайлык күчкө ээ болгон. Жаныбарларга сыйынуу менен төмөнкүлөргө жетишүүгө үмүттөнүшкөн: аңчылык кылуу жана жеш үчүн жаныбарлардын көп болушун; жырткыч жаныбарлардай күч жана кайраттуулукка ээ болуу, жаныбарларды жана душмандарды жеңүү; жаныбарлардын колдоочулары тарабынан коргоодо болуу, тынчтыкта жашоо.

Кыргыздар сыйынган негизги жаныбарлар: арстан, ажыдаар, жолборс, илбирс, аюу, көк жал карышкыр ж.б. Кыргыз эл адабиятында, баатырдын энеси боюнда болгондон кийин көбү жырткычтын жүрөгүн, боорун жеген, баатыр төрөлгөндөн кийин жырткычтыкындай күчкө ээ болушкан. Баатырлардын сырткы келбетинде да айбанга мүнөздүү өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, Манас баатыр алдыдан караса жолборс, артынан ажыдаар, чокудан карышкырдай көрүнөт. Манас баатыр ачууланып бакырса, 40 арстандын арылдаган үнүнөн да өткөн. Жаныбарларга сыйынгандыктан баатырлар согушка аттанганда аларды кайтарган жаныбарлар да көп болгон. Манас жортуулга чыккан сайын жырткыч айбандардын тобу ар дайым анын артынан ээрчип жүрүшкөн. Анын артында көк ажыдаар менен алп жылан сүзүп жүрөт; куйругу союлдай боз карышкыр, Манастын жылдыруусуна баш иет; алп куш канатын жайып, темир тырмактарын сунуп, көк асманда учуп жүрөт; көк бөкөн, карала жолборс жол көрсөтүп жүрүшөт; 40 көк бөрү, асманга карап улуйт; кара баш, ак эркек төө ортодо жүрөт. Баатыр жарадар болгондо, аларды баш калкалап куткарышат, бул элдик адабиятта дагы көп кездешет. Кыргыз эл адабиятында жаныбарлардын көбү жакшы-жаманды алдын ала сезет, кээ бирлери адамча сүйлөйт, ээсине акыл-насаат айта алат. Манастын ити, шумкары, төөсү, аты адамдардын жүрөгүн түшүнө алат, ал эми калмактарда жапайы өрдөк, кулжа, түлкү акылдуу келишет. Азыркы кыргыздардын арасында да бата тилеп, кырсыктардан арылууга «садага чабуу (кагуу)» жөрөлгөсү бар. Жаман түш көргөндө, жарадар болгондо же жакындары жолдо жүргөндө, аксакалдар улактын өпкөсү менен анын жонуна чабышкан. Улактын өпкөсү жамандыкты, кырсыктарды жок кылып, жөө жүргүнчүлөрдү сактайт, бул жаныбарларга сыйынуунун бир көрүнүшү деп эсептешет. Кыргыздар ант берип жатканда, ак сары башыл жылкыны союшат, канына малып, эгер калп айтып, убаданы бузса, анда ак сары башыл ат жазаласын деп айтышкан, бул да малга сыйынуунун бир көрүнүшү. Алар жаныбарлардын пири адилеттүүлүктү колдоп, жакшылыкка көмөктөшүп, жамандыкты жок кыла алат деп ишенишкен. Байыркы кыргыздарда татуировка жасоо адаты болгон, көбү жырткыч жаныбарлардын элеси, бул алардын жаныбарларга сыйынуусунун дагы бир мисалы. Алардын ою боюнча, денеге түшүрүлгөн жаныбардын сүрөтү менен ошондой күчкө ээ болот деп эсептешкен. Азыркы кыргыздарда дагы эле ушундай аң-сезим сакталып калган жана көптөгөн адамдардын колдоруна бүркүт же аттын башты түшүрүлгөн.

Кыргыз элинин жаныбарларга сыйынуусу, адегенде мифологиясынан байкалат. Мисалы, мифтерде, уламыштарда адам баласы жашаган жер тогуз катмарга бөлүнүп, аны бир алп көк өгүз тиреп турат деп айтылат. Анын бир мүйүзү чарчаганда, жерди экинчи мүйүзүнө которот. Ушинтип которгон сайын жер титиреп турат. Жер титирөөдөн коркушкандыктан, кыргыздарда чарчаган көк өгүз үчүн тиленишет, анын бекем болушун, эч качан чарчабасын деп сыйынуу адаты болгон, жер титирөөдөн, кырсыктын сактанууга аракет кылуу жөрөлгөсү кыргыз элинде кеңири жайылган.

Кыргыздар байыртадан эле бүркүт менен аңчылык кылып, бүркүттөрдү аңчылыкка үйрөтүшкөн. Шумкарга сыйынуу байыркы заманда эле болгон, «Буудайык»кыргыз мифтеринде, уламыштарында жана эпосторунда бүркүт пири жана бардык канаттуулардын падышасы. Мифтерде, уламыштарда, эпостордо «Алп каракуш» – зор, ылдам, асманга чыгып, жерге кире алат, шамал менен жамгырды чакыра алган ыйык куш. Ал көп учурда баатыр коркунучта болгондо, дээрлик айласы кеткенде пайда болуп, ага кооп-кырсыктан чыгууга жардам берет. Баатырга жардам берүү үчүн ал өз жанын да курман кылат. Бул мотив мифтик «Эр Төштүк» эпосунда жана башка баатырдык эпостордо, баатырдык окуяларда даана чагылдырылган. Мындан тышкары, дагы бир мифтик эпос «Буудайык» – канаттуулардын пири, анын башка канаттуулар жана адамдар менен болгон кагылыштарына арналган узун эпикалык чыгарма. Анда байыркы кыргыздар менен табияттагы ар нерселердин ортосундагы татаал мамилеси жана алардын табиятты терең түшүнүүсү даана чагылдырылган. Азыркы кыргыздарда да бүркүттүн терисинен кичинекей балдарга кийим тигишет, бүркүттүн тырмагын же бүркүттүн канаты ымыркайдын бешигинин туткасы менен жакасына илип коюшат. Бала чоңойгондо бүркүттөй кайраттуу, эр жүрөк, күчтүү болсун деген ишеними болгон. Бүркүттөр ымыркайларды жана кош бойлуу аялдарды «Кара Албарстыдан» коргойт деп ишенишкен. Андыктан кош бойлуу аялдын толгоосу оор болгондо, боз үйдүн эшигинин сыртына бүркүт коюшкан, ал наристени жана кош бойлуу аялды куугунтуктоого умтулган жиндерди кууп чыгат.

Кыргыздар кийик, кайберен, кайып, бул жапайы жаныбарлардын колдоочусу Сур эчки, алар асмандан түшкөн касиеттүү жаныбарлар деп эсептешет. Кыргыз элинин уламыштары боюнча, бул айбанаттар алгач кадимки үй жаныбарлары болгон. Кожоюну Теңирди сыйлабагандыктан, ага убагында курмандык чалбагандыктан, анын ачуусун келтирип, акыры өз жазасын алып өлгөн, ал эми анын баккан малын дүйнөдөгү алыс жердин жапайы жаныбарына айландырган. Кыргыз эли жапайы жаныбарларды ооруну айыктыра турган жакшы дары бар деп эсептешет жана ар бир адам жылына бир жолудан кем эмес жапайы жаныбарлардын этин даамдап көрүшү керек. Ошондуктан, мергенчи жапайы жаныбарды атып алса, ал жырткычтын этин айылдагылардын баарына бөлүп бериши керек. Жапайы жаныбарлардын этинен тышкары, териси да эл аздектеген нерсеге айланган. Жапайы айбанаттардын терисинен жасалган талпактар өтө баалуу диний буюмга айланган, эл арасында чоң урмат-сыйга ээ болгон. Мындай талпактарда отуруп «Куран» аяттарын окуса, ибадаттын үнү Алла Таалага тезирээк жетет деп ишенишет.

Кыргыз элинде жапайы жаныбарларга сыйынуудан тышкары, үй жаныбарларына сыйынуу түшүнүгү да бар. Маселен, кыргыз эли эзелтеден азыркыга чейин төө пири «Ойсул ата», жылкы пири «Камбар ата», уй пири «Зеңги баба», кой пири «Чолпон ата», эчки пири «Чычаң ата» сыяктуу пирилерине сыйынышкан. Алар төө, жылкы, кой, эчки сыяктуу үй жаныбарларын биринчи колго үйрөткөн адам деп эсептелет. Аларды колго багып, үйрөткөндүктөн, түпкү жырткыч айбандар көчмөндөрдүн жакын шериги жана негизги азык булагы болуп калган. Кыргыздар төө өлгөндөрдүн мүрзөлөрүн коргоочусу, сыйкырдуу күчкө ээ деп ойлошот. Көрүстөндөгү төөлөрдүн муңдуу ыйы маркумдардын жанын жубатат деп ишенишет. Бакшы же шаман дуба кылганда жанында төө болсо, ишин аткарууга жардам берет деп ишенген. Жөрөлгө жасалгандан кийин, ошол төөнү бакшыга берсе, дубанын күчүн арттырып, анын тезирээк кабыл алынышына шарт түзөт деп да айтылат. Кыргыз эпосторунда төөлөр да руханий жаныбар катары сүрөттөлөт, алар кожоюнуна өтө берилгендик менен кызмат аткарышкан, ал тургай кожоюндары көмүлгөндөн кийин кайгыдан өлүшкөн. Төөлөр «чөлдүн кемеси» деп аталып, дыйканчылыкта жана мал чарбачылыгында өтө керек жаныбар. Төө адамдар үчүн эң жакшы унаа каражатынын бири. Эл ташуу, жүк ташуу, көчүү, мал жаюуда төөлөрдү башкалардан сурап алып турушкан. Сыйлуу конокторду коноктогондо, төөнүн этинен жасалган даамдар эң баалуу болуп саналат.

Жылкы кыргыздардын жайыт турмушунда да эң керектүү мал болуп саналат, кыргыздардын канаты болуп эсептелет. Ошондуктан кыргыз элинин жүрөгүндө жылкы өзгөчө орунду ээлейт. Тарыхка кайрылсак, кыргыздар ант берүү аземинде, чоң аштарда сөзсүз курмандыкка бээ союшкан. «Манас» эпосунда жылкылардын кереметтүү сүрөттөлүшү ар бир жеринде кездешет, адамдын көздөрү жайнайт. Ар бир баатырдын өзүнүн өзгөчө аты болот, алар адам тилин, табиятын түшүнөт, бири-бирине түшүнүүсү жакшы, жортуулга чыкканда ар дайым коштоп жүрөт, бир катар даңазалуу аскердик эрдиктерди жаратып, эпосто баатырдай эле чоң атакка ээ. Жаа атканга жана атка мингенге шыктуу, согуш өнөрүн даңазалаган кыргыздар үчүн жылкы суусундук, эт, жамынчы, унаа гана эмес, ал баатырлардын канаты да. Жакшы ат болбосо, баатырдын эрдиктери ишке ашпайт. Жакшы атты жоготкон баатырды өлүм күтөт. Учурда кыргыз эли жакшы жылкылары бар экенине сыймыктанып, конок тоскондо жылкыларды да союшат. Үйлөнүү той, аш, жолугушуу, салтанат жылкынын эти жок болсо өткөрүлбөйт. Жылкынын учасы эң сыйлуу конокко устукан караты тартылат, ичегисинен даамдуу чучук жасалат.

(9) Өсүмдүктөргө сыйынуу

Кыргыз элинин дарактарга сыйынуу салты эзелтен бери эле бар. Байыркы шаманчылыктын түшүнүгү боюнча, бийик бак-дарактар асманга эң жакын тургандыктан, аны асман менен адам дүйнөсүн байланыштырган «асман тепкичи» деп аташкан. Бакка сыйынуунун да узак тарыхы бар, бак-дарактуу жерлерде же чоң дарактардын жанында сыйынуу аземин өткөрүшөт. Эгерде бак-дараксыз кең талаада болсо, анда боз үйдүн түндүгүнөн жыгач керегени чыгарышып асманга сыйынышкан, бул түндүк этникалык топтордун арасында кеңири тараган салт. Байыркы адамдар көп жылдык жашыл карагай жана арча, дарактардын өжөр өсүү жөндөмдүүлүгүн көрүп, бул дарактардын укмуштуудай өмүр керемети бар жана касиеттүү күчкө ээ деп ишенишкен. Ошондуктан, бул дарактарды тиричиликтин көбөйүшүнө байланыштырып, адамдардын өмүрүн дарактардын жандуулугу жана күчү менен бириктирген. Муну байыркы кыргыздардын дарактарга сыйынуу салты далилдеп турат. Маселен, «Манас» баатырдык эпосунда Манас баатырдын атасы Жакып Манас төрөлө электе, карыганда баласы жок болгонуна абдан кайгырган. Ал аялы Чыйырдыны асманга сыйынуу үчүн жалгыз токойго жашоого жиберет, ал токойдогу күчтөргө жана дарактарга сыйынат. Натыйжада тилеги орундалып, анын аялы Манас баатырды төрөйт. Манас баатырды асмандын, жердин, дарактын уулу десек болот. Мындан тышкары, кыргыз эпосторунда баатырлар асманга, жерге ант берип эле тим болбостон, чырпык сындырып, өзүнүн чечкиндүүлүгүн, берилгендигин билдиришкен. Манас тиккен бак-дарактардын куурап, чирип, кайрадан бутак байлаганын көрүп, Манастын апасы Чыйырды жана аялы Каныкей келечектеги жакшылык менен жамандыкты айта алышкан. Бак-дарактардын өзгөрүшүнө жараша адамдын келечегин алдын ала сезишкен. Мүрзөлөрдүн жанына бак-дарак отургузуусу, байыркы кыргыздардын дарактарга болгон сыйынуусун билдирет. Бак-дарактарга сыйынуу көрүнүшү кыргыз элинин бүгүнкү турмушунда да кездешет. Мисалы, ыйык мазарлардын жанындагы чоң даракка ар кандай кездемелерди байлап, жаман рухтардан, кырсыктардан сактануу, үй-бүлөнүн тынчтыгы үчүн сыйынышат, баласы жок аялдар да дарак пирине тукум берсин деп тиленишет.

«Минусинск маданияты» археологиясында мүрзөлөрдө кошо көмүлгөн жыгач куурчактар көп кездешет, ал «Манас» эпосундагы баатырларды куурчак менен көмүү салты менен абдан окшош келет. Бул дагы байыркы кыргыздардын дарактарга сыйынуу түшүнүгүн көрсөтөт. Байыркы кыргыздардын адамдар өлгөндөн кийин, дароо сөөгүн жерге берген эмес, маркумду жыгач табыттарга салып, аны дарактарга илип, сөөктөрү чиригенге чейин күтүшкөн, андан кийин сөөктөрдү чогултуп жерге көмүшкөн. Бул жердеги жыгач табыт илинген дарак жалпы маанидеги дарак эмес, ал байыркы кыргыздар аздектеген ыйык дарак. Бул ыйык дарак үчүн илгертен бери келе жаткан салт боюнча жыл сайын 18-апрелде, курмандыкка кызгылт-көгүш жылкы, ала-була уй жана башкаларды союшкан. Кийинчерээк бул салт акырындык менен көрүстөнгө бак отургузуу, андан кийин даракка кездеме байлоо салтына өзгөрүлгөн[1].

Кыргыз элинин түшүнүгүндө дарактын жиндерди кууп чыгуу касиети да бар. Мисалы, чычырканак жиндерди кууп чыгуучу касиетке ээ. Чычырканак чөлдө өсүүчү өсүмдүк, кыргыздар анын сыйкырдуу күчү бар жана жиндерди баш ийдире алат деп ишенишет. Чычырканак дарактары бар жерге жиндер жакындай албайт. Ошондуктан, чычырканак бутактарын ар дайым эшикке илип же үйгө коюшат, желмогуздар эшиктин алдына келүүгө, адамга жабышууга батынбайт. Үй-бүлөнүн бакыт-таалайын жана амандыгын сактап, күтүлбөгөн ар кандай кырсыктардан коргойт деген ишеним бар.

2. Ата-бабаларга сыйынуу

Ата-бабаларга сыйынуу-кыргыз элинин турмушунда маанилүү орунду ээлейт. Ата-бабаларга сыйынуу – адам баласы белгилүү бир өнүгүү баскычына жетип, өзүнүн аракети менен табияттан келген басымды, кыйынчылыктарды жеңип, өзүнө карата салыштырмалуу терең жана ар тараптуу түшүнүү пайда болгондон кийин калыптанган ишеним. Ата-бабаларга сыйынуу уруулар биримдиги ыдырай баштаганда жана үй-бүлө түшүнүгү акырындык менен маанилүү орунду ээлей баштаганда жаралган. Мурунку уруулардын тагдыры адамдын жаныбарга, жаратылышка сыйынуу менен тыгыз байланышта болсо, ата-бабаларга сыйынуу ата-бабалардын арбагы алардын урпактарына кам көрүүсү үчүн сыйынуу эмес, алгач ата-бабалардын арбагын кадырлоону билдирет.

Кыргыз аксакалдарынан «Ата-бабанын арбагы колдосун!», «Өлгөндөрдүн арбагын урматташ керек!», «Атабабанын арбагы курчап жүрсүн!», «Ата-бабанын арбагы урсун!» деген сөздөрдү көп угабыз. Булар кыргыздардын алгачкы ишенимдери жана диний көз караштары бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганын көргөзөт. Кыргыздардын ата-бабаларга сыйынуусу байыркы шаманчылыктагы арбактын өлбөстүгү жөнүндөгү көзкарашынан келип чыккан. Өндүрүш күчтөрдүн тынымсыз өнүгүшү менен адамдар акырындап табиятка сыйынуудан өзүнө сыйынууга өтүп, адам баласы өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштады. Шаманизм боюнча адам өлгөндөн кийин, арбагы денеден чыгып, адам дүйнөсүндө тентип жүрөт, эгер арбак кимдир бирөөнүн денесин ээлеп алса, ал кайра тирилип жашоого кайтат. Мындай түшүнүктөр адамдын өзүнүн табиятка каршы тынымсыз күрөшү, жеңүүсүнөн улам, ата-бабаларга сыйынуунун жаралышына шарт түзгөн. Ата-бабаларга сыйынуу чындыгында арбакка болгон сыйынууну билдирет.

Кыргыздардын кээ бир салттуу үрп-адаттары арбактарга сыйынууну чагылдырат. Байыркы кыргыздар адам өлгөндөн кийин, анын арбагы бар экенине ишенишкен, ал эми жан өлгөндөн кийин да арбак жашоодо ишке ашпай калган максаттарына умтулат, ошондой эле тирүүлөрдү коргоп, тирүүлөргө бата берет деп ишенишкен. Маркумдун жакындары маркум жаткан көрүстөндө маал-маалы менен зыярат кылып, тазалап, арбагына бакыт, бейпилдик алып келүүсү үчүн дуба кылышкан. Алар өлгөндөр жаткан жерге ар дайым урмат-сый менен мамиле кылышып, мүрзөгө да сыйынышкан. Маркумду түшүндө көрсө, анын жан дүйнөсү ачкачылыкка жана суусуздукка кабылып, жардам сурап келди деп жорушкан. Андай учурларда, кыргыз элинин салты боюнча, дароо таза суу алып асманга сыйынышкан, андан соң сууну таза жерге чачышкан. Бул жөрөлгөнү өткөрүү менен маркумдун жан дүйнөсүн ачкачылыктан, суусуздуктан арылтып, ээн-эркин келипкетүүсүнө, ээн-эркин жүрүшүнө жардам берүү болгон, ошондо адамдын жашоосуна тоскоол болбойт деп ойлошкон. Бардык сөөк коюу жөрөлгөсү бүткөндөн кийин, кыргыздар жүгөрү данындай чоң кичине таш алып, куран окуп, мүрзөнүн тегерегине таштарды чачып, айланасына да таш ыргытышат. Муну менен таштар сырткы күчтөргө каршы коргонуу кызматын аткарат жана маркумдун жан дүйнөсү эч кандай душмандык аракеттерден жабыркабайт деп ишенишкен.

Кыргыз элинин ата-бабаларга сыйынуусу шаманчылык менен ажырагыс байланышта болуп, сөөк коюу каадасында байкалат. Аталар каза болгондо, арбагын сыйлап, маркумдун арбагын ыраазы кылуу үчүн болгон аракетин жасашат. Маркум колдонгон буюмдардын баарын сөөк менен кошо көмүп, күмбөз тургузуш керек, кийинки муундар маркумдун жетишкендиктерин эстеп, маал-маалы менен аш өткөрүшөт. Ата-энени, ата-бабаны түрүүсүндө жана өлгөндөн кийин сыйлабаса, анда алардын жашоосу бактылуу болбойт деген ишеним бар.

Байыркы кыргыздарда маркумду жерге көмүү, өрттөө, бакка көмүүдө ар кандай буюмдарды да кошо көмүшөт. Эне-Сайлык кыргыздардын мүрзөлөрүнөн табылган көмүлгөн буюмдардын арасында уй, жылкы, кой жана башка жаныбарлар, ошондой эле ар кандай күнүмдүк керектелүүчү буюмдар табылган. Ата-бабаларга сыйынуу өлгөндөрдүн ашында да байкалат. Аш өткөргөндө жылкы, уй, кой жана башка мал союлуп, ар кандай мелдештер өткөрүлүп, маркумдарды ыраазы кылышат. Малды курмандыкка чалып, ата-бабаны эскерип сыйынуу адаты бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Азыркы кыргыз элинин жашоосунда, өлгөндөн кийин бир гана ислам дининин шарттары менен сөөк коюу иш-чаралары өткөрүлбөстөн, ар кандай мезгилдерде, жалпысынан 3, 7, 40 күн болгондо жана 1 жылдыгында диндик аза күтүү аш өткөрүлөт, ал «Назыр» же «жыл аш» деген ат менен белгилүү. Ар бир «Назыр»  өткөргөндө уй, кой, жылкы жана башка мал союлуп, келген адамдарга даамдуу тамактарды беришет, аны менен маркумдун көңүлүн жубатып, сооротушат. Кыргыз элинде «маркум ыраазы болбосо, анда тирүүлөр да бейпилдик таппайт» деген макал бар. Бул макал кыргыз элинин маркумга арнап курмандык чалуусунун маанисин, ата-бабаларына сыйынуусун жана ардактоосун чагылдырат. Чокон Валихановдун жазуулары боюнча: Адам өлгөндөн кийин 40 күн же жок эле дегенде 4 күндүн ичинде, маркумдун арбагы күн сайын жашаган жерине кайтып келип, урпактарынын жүрүм-турумун байкап турат деген ишеним бар. Ошондуктан адамдар күн сайын бөлмөгө чырак коюшат, ал өчпөй күйүп турушу керек. Ар күнү кечинде чырак жагылганга чейин боз үйдүн эшиги трүлүп, эшигинин жанындагы ак кийизге кымыз толтурулган табак коюлуп, маркумдардын арбагын тосуп алышат[2].  Маркумдун тиги дүйнөдө жай алышы, урпактардын өткөргөн ашы менен тыгыз байланышта деп эсептелет. Эгерде аш жогорку деңгээлде жана бардык жөрөлгөлөр канааттандырарлык түрдө аткарылса, маркумдун жаткан жери жайлуу болсо, арбагы урпактарын толук коргойт, антпесе кийинки урпактарга кырсык алып келет деп ойлошот. «Манас» баатырдык эпосунда кыргыз элинин каза болгондорду эскерүү үчүн өткөргөн чоң ашы бир нече жолу сүрөттөлөт. Мисалы, «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашы» жана алтынчы «Асылбача-Бекбача» бөлүмүндө «Асылбачанын ашы» эки чоң аш кеңири берилген. Он миңдеген жылкы, уй, кой жана башка малдар союлуп, жайлоодо боз үйлөр тегерете тигилип, булуңбурчтан, ар кайсы уруудан жана өлкөлөрдөн чакырылган коноктор да келишет. Конокторду чакыруудан тышкары, кыргыздардын байыркы каада-салттарынын маанилүү бөлүгү болгон массалык оюн-зоок иш-чаралары да өткөрүлөт. Алардын арасында ат чабыш, күрөш, жаа атуу жана оодарыш сыяктуу кызыктуу оюн-зоок уюштурулуп, арбакты ыраазы кылуу жөрөлгөлөрү өткөрүлөт.

Кыргыздар ата-бабалардын арбагы урпактарга милдетин аткарууга жардам берет деген ишеними «Манас» баатырдык эпосунда кеңири жана айкын чагылдырылган. Эпосто Манастын урпактары кыйынчылыкка туш болуп, коркунучка кабылганда Манастын арбагына сыйынышса, Манастын арбагы жардамга келет. Мисалы, Манастын уулу Семетейдин жалгыз көздүү дөө Мадыкөл менен болгон беттешинин оор учурунда, Семетей атасы Манастын арбагына сыйынып, аны колдоосун суранат. Ал сыйынып бүткөндө, бир керемет пайда болуп, аны көздөй Аккула атын минип Манастын келе жатканын көрөт, анын артында Сарала атын минип Алмамбет жана Көк ала сындуу ат минген Чубак баатыр да көрүнөт. Үч баатыр Семетейдин алдынан бир заматта жок болуп кетет, ал капыстан күчкө толуп, найзасынын учу менен алп дөө Мадыкөлдү көтөрүп, жерге чапканда таш-талканы чыгып кетет[3].  Атабабалардын арбагына болгон мындай сыйынуу эпостордо гана чагылдырылбастан, манасчылардын айтуусунда да кездешет. Изилдөөдө, манасчынын айтуусунда же угуучулардын оозунан, манасчы эс-учун жоготкон абалда «табигый дааруу» касиетине ээ болгондон кийин манас айтып баштаганын көп угабыз. Бул «табигый дааруу» касиети тууралуу алгачкы манасчылар менен пикир алмашканда көп айтылган. Манасчылардын «табигый дааруу» көрүнүшү шамандын дааруу касиети менен окшош келет. Бул кыргыздардын байыркы шамандык маданий түшүнүктөрү манасчылар тобунда сакталганын көрсөтөт. Манасчынын түшүнө кирген эпостогу жарым пери жарым адам болгон баатырлар же ак сакал даанышман сыяктуу табияттан тышкаркы күчтөр кыргыз элинин байыртадан бүгүнкү күнгө чейин сакталган арбакка сыйынуу түшүнүгүнүн негизинде жаратылган. Алар Манасчынын «Манас» эпосун айтуусун шыктандырып гана тим болбостон, ар дайым манасчынын чыгармачылык жолун ар убакта колдоп турушат. Манасчылар эпосту айтаарда, адегенде арбактарга сыйынып, алардан өзүнүн милдетин аткаруу үчүн бата сураш керек. Мисалы, Жусуп Мамай ооз ачар замат «Э… э… э…й, Айтайын баатыр Манасты, Анын арбактары колдосо. Айтканым жалган болбосо» деп баштайт[4], баатырдын арбагын чакырып, колдоосун сурайт. Эпостогу баатырдык каармандар жарым кудайлар. Манасчылар түшүнө кирген «арбактар» эпостогу эң күчтүү, өжөр Манас баатыр, же өзгөчө өнөргө ээ, бакшылыкка шыктуу Ырчы уул, Алмамбет, төлгөчүлүк күчкө ээ болгон Манастын аялы Каныкей, сырдуу ак сакалдуу олуя сыяктуу каармандар кездешет. Эпостогу баатырбы же сырдуу ак сакал олуябы, айтор, алар көрсөткөн шамандык маданияттын мүнөздөмөлөр манасчынын «табигый дааруу» касиети шамандын даруусу менен байланыштырууга болот[5].

[1] Жумакадыр Жакып. «Манас» эпосундагы байыркы кыргыздардын бак-дарактарга сыйынуусу, «Манас» эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы (2), Шинжаң эл басмасы, 1998, 222-б.

[2] С.М. Абрамзон. «Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер», 1999, 222-б.

[3]  Лан Йиң. «“Манас” жөнүндө изденүү», Ички Монголия университетинин басмасы, 1999, 76-б

[4] Жусуп Мамай. «Манас» биринчи бөлүк, биринчи том (араб арибинде), Шинжаң эл басмасы, 1984.

[5] Адыл Жуматурду. «Манасчылар жөнүнүдө изилдөө», Улуттук басмасы, 2006, 52-53б.

3. Шаманизм

Тарыхта кыргыз элинин дини шаманизмге жана анимизмге негизделген эң алгачкы дини болгон. Шаманизм – кыргыздар узакка чейин ишенип келген алгачкы дини, алардын аң-сезиминде үстөмдүк кылып, терең сиңип, бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Кыргыз элинин ата-бабасы сяцзяцы деген ат менен тарых булактарында белгилүү. «Таң династиясынын жаңы тарыхы: «Сяцзясы баяны» китебинде «жайлоого сыйынышат, жыл сайын асманга курмандык чалышат, шаманды «Кам» деп аташат» деп жазылган. Бул сүрөттөөдөн: жайлоого сыйынышканын, асманга курмандык чалышканын, шаман Кам болгонун билсек болот. Байыркы кыргыздар шаманчыны «Кам» деп аташкан. Бул ошол кездеги кыргыздар шаманчылыкка толук ишенгендигин ачык көрсөтүп турат.

Шаманизм – кыргыздар байыртадан бери ишенип келген алгачкы дини. Бул дин боюнча кыргыздар бардык нерсенин руху жана кожоюну бар деп эсептешет. Көк Асман «Теңир» бардык жандыктын жаратуучусу, башка перилер ага баш ийишет. Шаманчылыкта аалам жогорку, орто жана төмөнкү дүйнө деп бөлүнөт. Жогорку дүйнө тогуз катмарга, ал эми төмөнкү дүйнө жети катмарга, тактап айтканда, «тогуз кабат асман жана жети кабат жер» деп болуп бөлүнөт. Жогорку асманда Теңир жана башка перилер жашайт, төмөнкү жер алдында ар кандай жин, шайтан жана арбактар жашайт. Адамдар орто дүйнөдө жерде жашайт, алар көп учурда көк асман менен перилердин коргоосуна муктаж, жин жана арбактардын чабуулунан дайыма сак болушу керек. Адам өмүрү «ден», «эс», «кут», «шай» жана башкалардан турат. «Ден»адамдын денесин түзөт жана адамдын кыймылын башкарат. «Эс» – адамдын рухун түзөт жана адамдын акылын, аң-сезимин башкарат. «Кут» – бакыттын булагы, «шай» – күчтүн кожоюну, төртөө биригип адамдын өмүрүн түзүшөт. «Ден», «эс», «кут», «сай» өз убактысында биригип же бөлүнүп турушат. «Шай» адамдын денесинен чыгып кеткенде, жашоо күчүн жоготот, ал эми адамдар уктап калганда «эс» «денеден» чыгып, «Түш периси» менен жер алдына же тиги дүйнөгө саякатка барат, ар кандай жин, арбактар менен жолугат, «ден» адамдын денесинде калат. Адам өлгөндө «ден», «эс», «кут», «шай» адамдын денесинен чыгып кеткенин билдирет. Алар жашыл чымынга айланып, маркумдун мурдунан учуп чыгып, анын арбагына айланышат, ортоңку жана төмөнкү катмардын ортосунан өтүп жүрөт жана тиги дүйнөдө түбөлүк жашайт же тирилет. Теңирдин үстөмдүгү астында жылдыз перилери адамдардын тагдырын көзөмөлдөйт. Сатурн, Венера (Чолпон), Канопус, кой жылдызы жана башкалар жакшылыктын, Марс менен балык жылдызы жамандыктын так эле өзү болгон. Жакшылык менен жамандыктын жылдыздары бир-бири менен күрөшкөндө асманда жылдыз учуу кубулушу пайда болот. Асмандагы ар бир жылдыз жердеги бир өмүрдө билдирет жана ар бир адамдын өмүрү бир жылдызга берилет. Асманда жылдыз учса, бул дүйнөдө бирөө өлгөнүн билдирген. Ата-бабалардын арбагы көпчүлүк учурда урпактарына жардам берет, бирок кээде адамзатка кырсык алып келет. Айрыкча, байыркы уруу башчылары, падышалар, атактуу баатырлар олуя катары саналып, ал эми алар жаткан көрүстөндөр ыйык жер болгон, мезгил-мезгили менен элдер аларга сыйынышкан, антпесе кийинки урпактарына оору алып келип, эл жана жаныбарлар жапа чегишкен.

Шаманизмдин таасиринен кыргыздар ар кандай перилерге ишенишет, бирок храм курушпайт. Бул перилердин сарайлары табиятта, кээ бирлери адамдардын жүрөгүндө гана болот. Аларды адамдын ата-теги пири, адамды кайра жаратуучу пири, жаратылыш пири, коргоочу пири, жаныбарлар пири ж.б. бөлүүгө болот. Кыргыз элинде ар кандай арбактар да бар, алардын элеси ар түрдүү келет, «Албарсты», «Сасык Албарсты», «Аздык» жана башкалар бар. Ошондой эле жалгыз көздүү дөө, жез тырмактуу жезкемпир, жез тумшук жезкемпир, жөө күлүк Желтаман, миң көздүү Көрөр Маамыт, баарын кулагына илген Жер тыңшаар ж.б. Кыргыз элинде табийгат перилери негизинен асман, күн, ай, от, кыш, кар, күн күркүрөөсү, чагылган жана шамал; ата-бабадан: Адам Ата, Обо эне жана Нух; коргоо перилери: Умай эне, Баба дыйкан, Дөөт, Кыдыр, Камбар ата, Ойсул ата, Чолпон ата, Зеңги баба, Чычаң ата, Сур эчки жана башкалар.

Шаманизм-кыргыз элинин басымдуу бөлүгүнө чоң таасирин тийгизип, узак убакытка чейин ишеними болгон. Ислам динин кабыл алгандан кийин да шаманчылыктын калдыктарын бардык жерден көрүүгө болот. Шаманчылыктын кыргыздарга тийгизген таасири бүгүнкү күнгө чейин уланып, ал тургай, азыркы кыргыз элинин турмушундагы түрдүү ырым-жырымдарында байкалат. Эгер кимдир бирөө ооруп калса, бакшы чакырышып дем салдырышкан, кездемени узун тилкелерге кесип, жылан сымал кылып чыйратып, караңгы эски дубалдын тешигине салышкан; бакшы кийимин кийип, чөйчөктөрдү кагып, чака, башын чайкап, колуң сермеп, секирип каардуу рухтарды кууп чыгуу үчүн ар кандай аракеттерди жасаган. Кээ бир аймактарда малчылар түн ичинде да отту өчүрүшкөн эмес, ал күйүп бүткөндө өчкөн, бул шаманизмдеги отко сыйынууну билдирет. Жыл сайын жазда, Нооруз майрамын белгилөө жөрөлгөлөрүнүн көбү шаманчылык менен тыгыз байланышта.

Кыргыз шамандары адамды оорудан айыктырууда, негизинен денесин аттап өтүп, кетменди кызартып күйгүзүшүп, аны менен жиндерди өлтүрүшкөн, арбактарды чакыруу менен жиндерди кууп чыгышкан, «Арбашуу», «Бадик» сыяктуу бакшы ырларын ырдашкан. Адамдын денесин аттап өткөндө, бакшы бейтапты бетин жерге каратып жаткырып, оозунан көбүк чыкканга чейин дуба окуйт, оорулуунун денесине ары-бери аттап, жинди кууп чыкканга аракет кылат. Бакшы дубасын айтып, жылаңаяк буту менен кызарган кетменди тебелейт, бутунун таманынан ак түтүн чыкканда, бутун көтөрүп, оорулуунун жабыркаган жерин басып, аны бир нече жолу кайталайт, оорулууга жабышкан арбактарды кууйт. Кээде колуна узун бычак кармап, дубаларды айтып, ал бычактын күчүн колдонуп, ооруулуга жабышкан жинге карай шилтеген. Дуба окуу бакшынын мүнөздүү ыкмасы, ал дубаларды айтуу үчүн сырдуу сөздөрдү колдонот жана дубаларга ар кандай арбактардын жана желмогуздардын атын кошот. Кандай шайтан болбосун, анын аты ушул убакта аталса, адамдын денесинен ошол замат чыгып кетет, бул «арбак чакырып, жин-шайтанды чыгаруу» деп аталат. Ал эми Арбашуу жана Бадык бакшы ырлары жөнүндө, бул китептин «Элдик адабият» бөлүмүндөгү, элдик ырлар бөлүгүндө кеңири баяндалат.

Кыргыздардын арасында шаманчылыкта төлгө ачуу кеңири таралган. Адамдар, малдар ооруп, мал чарбачылыгы өнүкпөйт, жаман түш же бушайман болгондо төлгөчүнү чакырып, төлгө ачтырышкан. Мындан тышкары, төлгөчү адамдын дөөлөт, кырсык, тагдыры ж.б.у.с айтып төлгө ачкан. Негизинен койдун далы сөөгү, таштар, кездеме тилкеси, чүкө, коргошун кесеги жана от менен төлгө салуу түрлөрү болгон. Койдун далы сөөгү менен төлгө ачуу – кыргыз элинин эң байыркы төлгө ыкмаларынын бири, ал кыргыз тилинде «далы көрүш» деп аталат. Койдун далы сөөгү менен төлгө салган төлгөчүнү «Далычы» деп аташкан. Андай төлгөчүлөрдү негизинен жаштайынан тарбиялашат. Төлгөчү адамдын тагдырын койдун далы сөөгүндөгү сызыктардын өзгөрүшүнө карап аныктап айтып берген. Бала төрөлгөндө, жаңы эле союлуп бышырылган далы сөөгүндөгү этин алып, баланын оозуна сүйкөп, анан сөөктөгү эттин баарын кырып, сөөктүн бетине бир аз май куюп, аны балага акырындап ичирген. Эркек бала болсо, койдун далы сөөгүн чүпүрөккө ороп, төрөлгөндөн кийин жети күндүн ичинде, күн сайын аны балага көрсөтүп, баланын жаздыгынын жанында сакташкан. Эгерде кыз болсо, койдун далы сөөгүн мештин жанына же идиш капка салып сакташкан. Жети күндөн кийин, төлгөчү койдун далы сөөгүнүн бетине түшүрүлгөн оюм-чийимге, анын чыгып турган жеринин түрүнө жана чоңдугуна, узундугуна, кеңдигине карап, ымыркайдын келечектеги байлыгын, кадыр-баркын, акылмандыгын, узак өмүр сүрөрүн айтып берген. Төлгөдө көбүнчө кой менен аркардын далы сөөктөрү колдонулат. Албетте, төлгө салуу үчүн төөнүн далы сөөгүн колдонгон учурлар да бар.

Таш төлгө – кыргыздарда кеңири тараган дагы бир байыркы төлгөнүн түрү. Төлгө ачуу ыкмасы – бир метр квадрат болгон ак кийизге же ак кездемеге жержаңгактай болгон 41 кичинекей кара тоголок таштарды чачып, андан кийин таштарды тынымсыз аралаштырып, аны карап жакшылыкты же жамандыкты алдын ала айткан. Бул төлгө учурунда жерге майда таштарды чачып же кошумча таштар кошулбайт. Төлгөчү ымыркайга төлгө ачса, ымыркай көзүн биринчи жолу ачкан күнү, агым суулар жууп кеткен дарыядан 41 кара сайташ терип келип, баланын энесинен баланы эмгизгенге чейин, сайташка бир аз сүт саап алуусун суранат. Үч күндөн кийин, сайташтарды жуушат. Мындай таштардын ымыркай кандайдыр бир пери менен болгон сырдуу байланышы төлгөдө такталат.

Кездеме тилкелери менен төлгө – кыргыз аялдарынын өз тагдырын алдын ала билүү үчүн колдонгон төлгө ыкмасы. Төлгө ачуу ыкмасы – туурасы болжол менен 4-5 см болгон кездемени алып, аны узун чийге ороп, анан аны коноктор көп отурган кийиздин астына бастырышат. Бир канча убакыт өткөндөн кийин аны алып чыгып, кездеме тилкелеринин ачылуу даражасы боюнча келечекти айтышат.

Чүкө менен төлгө ачуу дагы кыргыз элинин байыркы төлгө тартуу ыкмасы. Төлгөчү этинен ажыратылган чүкөнү тынымсыз ыргытып, анын түшкөн абалына карап, адамдын жакшылык менен жамандык, байлыгын, өмүрүнүн узундугун айтып берет.

Коргошун кесеги менен төлгө ачуу – түшүнөн коркуп турган ымыркайдын башына муздак суу куюлган табакты кармап, андан кийин ысытып эриген коргошун суюктугун сууга куят. Эритилген коргошун табактагы муздак сууга куюлгандан кийин, дароо эле ар кандай кызыктай көрүнүштөр пайда болот. Төлгөчү бала эмнеден коркуп калганын аныктоо үчүн коргошундун кесегин колдонгон.

От менен төлгө ачуу да кеңири тараган төлгө ыкмасы. Тартиби – төлгөчү адегенде койдун далы сөөгүн отко салып, күйгүзөт, анан оттун жалыны, түтүндүн абалына жараша, же күйүп жаткан отко май куюп, оттун күйүшүнө жана оттун ар кандай өзгөрүүлөрүнө ылайык төлгө салат.

4. Тотемизм

Кыргыз элинин тотемдик сыйынуусу жаныбарларга сыйынуудан келип чыккан. Ал эми жаныбарларга сыйынуу – кандайдыр бир күчкө сыйынуу болгон. Кыргыз эли байыртадан бери эле аңчылык жана көчмөн малчылык менен алектенип, жаныбарларга өзгөчө маани берген. Айрыкча эрдикке үндөгөн баатырдык доордо айбанаттардын күчүн, жырткычтыгын баалап, акырындап аларга сыйынууга өткөн. Алар ар дайым кандайдыр бир жырткыч же ыйык жаныбардын коргоосуна үмүттөнүшөт, алардын күчү менен өзүнүн күчүн арттыруу үчүн табынышкан. Ошондуктан, кыргыздар өзүн же уруусун кээ бир жаныбарлар менен байланыштырып, ал жаныбарларды коргоочусу катары көрүшкөн. Бул жаныбарларга руханий жактан жакындаш үчүн идиш-аяктарга оюм-чийим түшүрүп, тууга же токулган буюмдарга саймалашкан, же өз денесине татуировка жасатып, сырттан келгендерге көрсөтүшкөн. Көптөгөн мифтерде жана уламыштарда руханий жаныбарлар менен тамырлаш келген кыргыз уруулары да көп кездешет. Кыргыз уруулары менен тыгыз байланышта болгон жаныбарларга негизинен арстан, төө, бугу, илбирс, карышкыр, жылкы, уй, бүркүт жана башкалар кирет. Ар кайсы уруулардын ар кандай тотемдери бар.

Кыргыздардын арасында бугуну тотем туткан «бугу» уруусу бар. Бул уруу да кыргыздарда өтө чоң уруу. Казак этнографы Чокон Валиханов бугу тууралуу көптөгөн уламыштарды жана мифтерди чогулткан. Ал мындай деп жазган: «Эл арасында ‘Бугу’ деген аттын келип чыгышы тууралуу көптөгөн кызыктуу уламыштар бар. Уламыштарда Карамырза, Асанмырза аттуу эки адам Аламышык[1] аттуу жерде бугуларга аңчылык кылышкан. Алар артынан кууп отуруп, бугу үйүрүнөн бир эркек, бир кызды табышат. Баланы атып салышат, кызды тирүүлөй колго түшүрүшөт. Кыз шеригинин өлүп жаткан денесин көрүп абдан катуу ыйлайт, кайгыга батып, көпкө чейин басыла албайт. Кыздын каргышынан улам, эки мергенчи Карамырза менен Асанмырзанын урпактары үзүлүп, тукуму жок болуп калат. Уруу башчысы сүйкүмдүү кызды көрүп, аны өзүнүн кол астындагы Мырзакул деген адамга берет. Мырзакул кызды уулу Жаманкулга аял катары алып берет. Алардын урпактарынын айтымында, бул уруунун түпкү энеси жөнөкөй адам эмес болгон. Аны «Мүйүздүү Бугу эне» деген ат менен аташкан, ал даанышмандыгы менен эл арасында кадыр-баркка ээ болгон. Кийинчерээк Мүйүздүү Бугу эне өзүнүн күң кызына чачын жууган сууну кимдир бирөө басып кете турган жерге төкпөйт деп дайыма эскертип турган. Кийинчерээк кыз кызыгуу менен же таза жер таппай калганбы, айтор, чачын жууган сууну ичип алат. Көп өтпөй күң кыз кош бойлуу болуп, Желдең аттуу уул төрөйт. Кыргыздар Мүйүздүү Бугу энени абдан урматташат, кайгылуу убакта эстешип, ага сыйынышып, бүт уруунун атынан курмандыкка мал союшат[2].  Жүз жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, ошол эле мифтин жаңы мазмуну пайда болуп, ал мифтин мазмунун кандайдыр бир деңгээлде түшүндүрөт. Кийинчерээк чогултулган көптөгөн варианттарынын бири мындай: Карамырза менен Асанмырза деген эки атактуу мергенчи болгон. Бир күнү эртең менен аң уулоого чыгып баратышканда, Карамырза капыстан бир үйүр бугунун арасынан бир эркек, бир кызды көрүп калат. Асанмырза баланы атып салат, бирок кызды тирүүлөй колго түшүрүп, үйүнө алып келишет. Кызды алардын улуу агасы Мырзакулдун уулу Алсейитке алып беришет. Кыз турмушка чыгаардан мурун, Алсейитке үч шарт койгон: «Биринчиси, сен мени туткунга түшкөн аялым деп эч качан айтпа; экинчиден, жуурканды көтөрүп денемди караба, болбосо мен кетем; үчүнчүсү, сен мени урсаң, эч качан башка урба». Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Карамырза менен Асанмырза кайрадан аңчылыкка чыгууга даярданышат. Бул кабарды уккан кыз мергенчилерге өтүнүчүн жеткирүү үчүн дароо бир баланы жөнөтөт. Эгерде мергенчилер бугуну атса, анын желинин териси менен чогуу, ага алып келип берүүсүн суранат. Мындай өтүнүчтүн себеби, ал бугунун сүтүн ичкиси келет. Бул кабарды уккан эки мергенчи: «Карачы, кечээ эле ата-энеси жок жетим кыз эле, бугу үйүрүнөн келген күң кыз, бүгүн бизге буйрук берейин деп жатат», деп ачууланышат. Бирок, алардын сөзүн кыз угуп калат, ошондуктан ал ачууланып каргышын айтат:

Карамырзанын тукуму үчтөн ашпасын! Асанмырзанын түтүнү жүздөн ашпасын, Жүздөн ашса дагы, күздөн ашпасын!

Кичинекей бала укканын эки мергендин улуу агасы Арыкка айтып барат. Арык кары болсо да, мылтыгын алып бугуну атып, жаңы келининин талабын канааттандырат. Ал терини алып барган баладан, жаңы келин жалгыз болгондо гана, ага өткөрүп беришин, эч ким көрбөсүн деп талап кылат. Жаңы келин бугунун терисин алгандан кийин дароо көшөгө артына өтүп, бугунун сүтүн соро баштайт. Атылган бугудан сүт көп чыгып, келин карыянын жакшылыгына ыраазы болуп: «Укум-тукумуң көбөйө берсин, ден соолугуң бекем болсун, чатырыңды душман эч качан бузбасын» деп бата берет.

Бул мифтин дагы башка варианты боюнча, жаңы келин күйөөсү үйгө келгенде, эшиктен кирер алдында жөтөлүп үн чыгарып келгенин билдиришин суранган. Күйөөсү убадасын аткарып жүрөт, бирок шектенүү жана кызыгуу сезими, аны бир күнү эшиктин жыртыгынан шыкалап караганга түртөт. Ал аялын көргөн жок, бирок бугу көрөт. Бугу үйдүн ичинде секирип, керегеге кашынып жаткан болот. Күйөөсү капысынан боз үйгө киргенде үй бош, эч нерсе жок болот. Ошондон кийин келин кайра кайтып келбейт. Анан бир күнү, бир адам анын күйөөсүнө бала салынган бешикти алып келип берет. Бул анын баласы болуп чыгат, атасынын колунда чоңойот.

Жогорудагы мифтер менен уламыштарда, кыргыздардын «Бугу эне» же «Мүйүздүү эненин» урпактары акыры азыркы «бугу» уруусуна айланганы айтылат. Эл аны абдан урматтап гана тим болбостон, ал үчүн курмандык чалышып, сыйынышат. Бугу уруусунан бир адам өлсө, арбагы жай алышы үчүн анын мүрзөсүнө бугунун мүйүзү орнотулган. Бугу тотеми бүтүндөй уруунун биримдигинин белгиси гана эмес, уруунун мүчөлөрү өздөрүнүн өзгөчө уруулук теги менен сыймыктанышат, башка уруулардын адамдары да ушул себептен аларды урматташат, аларды ар кандай кемсинтүүчү сөздөрдү айтып же ачуусуна тийсе күнөө болот деп эсептешкен. Бугулар жөнүндөгү уламыштардан, биз бугу уруулук тотем катары жарым кудай жарым адам экенин даана көрө алабыз. Ал адамдай өлбөйт, көмүлбөйт, анын кубулуу күчү бар. Ал бүт урууну коргойт, бирок ачуусу келсе, урууга кырсык, өлүм, ал тургай бүт уруунун жок болушуна алып келет. Бугу тотеми жөнүндөгү уламыш салттык мурас болгону менен, ал байыркы уруунун матриархаттык коомдук абалын сактап калган. Уруунун келип чыгышы Мүйүздүү эне менен байланышы бар болгон, кыргыздарда дагы «багыш», «сарыбагыш» жана башка уруулар бар. Бул уруулардын келип чыгышы да тотемдик сыйынууга байланыштуу.

Кыргыздардын арасында карышкыр тотемине байланыштуу маалыматтар да абдан көп. Кыргыздардын бөрү тотеми жөнүндө, салыштырмалуу байыркы маалымат «Чжоу династиясынын тарыхы: Түрктөр баянында» түрктөрдүн келип чыгышы жөнүндөгү жазууларда: «Кээ бир адамдар айтат: Түрктөрдүн түпкү ата-бабасы Со өлкөсүнөн чыгышкан, ал гунндардын түндүгүндө. Уруу башчысы Апамбег, он жети бир тууган, алардын бири Ичжини-нишыду бөрүдөн туулган имиш. Апамбег акылсыз болгон, өлкө талкаланган. Ичжини-нишыду шамал чакырып, жаан жаадыра алган, эки кызга үйлөнөт. Биринчиси жай кудайынын, экинчиси кыш кудайынын кызы болгон, алардан төрт бала төрөлөт. Уулдарынын бири ак кууга айланып, дагы бири Абакан дарыясы менен Кем дарыясынын аралыгында жашаган, цигу (кыргыз) деп аталган; улуусу Басычучжэши аттуу тоодо жашаган. Тоодо Апамбегдин урпактары да бар, кышы өтө суук. Улуусу от жагып жылытып жана азыктандырган, баарын куткарган, аны башчы кылышкан, Түрк деген наам беришкен, ал Наду-люшэ болгон». Бул жерде бөрү менен кыргыз элинин ата-бабасынын кандык байланышы даана жазылган.

Карышкырдын териси, эти, тиштери, тырмактары жана чүкөсү балдарды оорулардан, каардуу жин жана желмогуздардан коргой тургандыгы, же адамдарга кыйынчылыктарды жеңүүгө жана коркунучтан кутулууга жардам берери жалпысынан белгилүү. Кыргыз элинин байыркы уламыштарында, баатырдык эпосторунда карышкыр тотемине байланыштуу кептер да көп кездешет. Манас баатырга да карышкырдын мүнөзү берилип, «көк жал» деп аталат. Кыргыз уруусу менен карышкыр тотеминин мамилеси тууралуу мындай уламыш бар: Бир эркек бала майып болуп төрөлөт, кадам таштоого жашы жеткенде баса албай калат. Ата-энеси көчүп баратканда, аны кичи мекенине таштап кетишет. Жолдон өтүп бара жаткан бир адам, баланы эмизип жаткан бөрүнү көрөт. Ошентип ал баланы үйүнө алып барып чоңойтуп, атын «Каба» деп койгон. Анын чачы жалга окшош болгондуктан, эл аны «Жалдуу Каба» деп аташат. Анын урпактары көбөйүп, кийин кыргыздардын «Каба» уруусуна айланган, ал чоң саяк уруусуна бириккен байыркы уруу бутагы болуп эсептелет[3].

Тотемизм-кыргыз элинин байыркы доордон бери келе жаткан ишеними. Бегре деген жазуу боюнча, Эне-Сай дарыясынын жогорку агымында жашаган кыргыздардын түпкү ата-бабасынын тотем ишенимдери болгон. Бегре таш жазууда: «Мен жети бөрүнү өлтүрдүм, бирок илбирс менен бугуну өлтүрбөдүм». Жазуудагы каарман 25 жашында «Табгач каганга» (Таң династиясынын императору) жолуккан атактуу баатыр, анын башка дагы эрдиктери бар. Бул сыяктуу адам бир нече бөрүнү өлтүрүп, илбирс, бугуну өлтүрбөгөнүн айтып жатканы мактанаарлык иш эмес. Ошондуктан көптөгөн илимпоздор, ал чыныгы бөрүнү өлтүргөн эмес, бул жерде бөрүнү тотем катары ыйык туткан жети урууну жеңгени тууралуу айтылып жатат деп эсептешет. Башка жазууларда кыргыздын ата-бабасы сяцзяцы тотеми илбирс экени да айтылат. Кээ бир илбирстер адам атында кездешкени менен ал урууну билдирет, айрымдары түз эле «илбирс уруусу» деп да жазылган[4].  Советтик окумуштуу Бернштам «Тон-Йокуг» жана «Чакул» таш жазууларын изилдеп, кылдаттык менен талдоо жүргүзүп, сяцзяцы элинин тотеми жолборс болгонун далилдеген[5].  Байыркы кыргыздар жогорудагы тотемдерден тышкары, уйду да тотем катары ыйык тутушкан. Таң доорундагы Дуань Чэнши (段成式) «Юяндан ар түрлүү жазмалар» аттуу китебине ылайык, сяцзяцы эли «үңкүрдө төрөлгөн, ал Көгмөн тоосунун түндүк тарабында, өздөрү айтканына караганда, илме кайып рух инекти ушул үңкүрдө уруктандырган». Теңир менен инектин байланышынан улам келип чыкканы айтылып жатат. Сяцзяцы баккан малдын арасында уйлар өтө көп болгон, бул уйдун тотемдик байланышын көрсөтүп турат. Кошумчалай кетсек, кээ бир көркөм чыгармаларда эки жырткычтын күрөшү сүрөттөлгөн, ал чындыгында бирибири менен согушкан эки тотемдин көркөм чагылдырылышы болуп эсептелет[6].

«Манас» эпосунда, Манас баатыр жортуулга чыкканда, аны ажыдаар, алп жылан, аркак, кулжа, элик, жолборс, арстан, көк жал карышкыр, илбирс, бүркүт жана башка жырткычтар менен канаттуулар курчап турган. Чындыгында булардын баары метафора, алар ар кайсы уруулар көтөргөн тотемдик туулары, уруу башчылары жана мүчөлөрү баатырдын айланасына биригишип коштоп жүрүшкөн. Алар өз урууларынын ураандарын айтып, Манас баатырды ээрчип согушка аттанышкан. Эпосто ар кайсы уруулардын башчылары туусун желбиретип, Манастын башкаруусунда болгону, байыркы кыргыздардын тотемдик табынуусунун чыныгы сүрөттөлүшү.

[1]  Азыркы Кыргызстандын Нарын облусунда жайгашкан.

[2] С. М. Абрамзон. «Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер», 1999, 197-б.

[3] С. М. Абрамзон. «Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер», 1999, 200-б.

[4] А.Н. Бернштам. «6-8-кылымдагы Орхон-Енисей түрктөрүнүн социалдык-экономикалык түзүлүшү (Чыгыш Түрк каганаты жана сяцзясы)», которгон Ян Нэ, Шинжаң эл басмасы, 1997, 221-б. «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы, 1986, 43-б.

[5] А.Н. Бернштам. «6-8-кылымдагы Орхон-Енисей түрктөрүнүн социалдык-экономикалык түзүлүшү (Чыгыш Түрк каганаты жана сяцзясы)», которгон Ян Нэ, Шинжаң эл басмасы, 1997, 222-б.

[6] «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы» редакциялык тобу: «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы,1986, 44-б.

5. Манихеизм жана несторианизм

Кээ бир батыш илимпоздору, байыркы кыргыздар манихеизм динин тутушканын таш жазуулар, аска сүрөттөрү жана башка археологиялык табылгалар аркылуу далилдешкен. Манихеизм сяцзяцы элинде кайсы мезгилде тараганын так айтуу кыйын. Бирок 1905-жылы, фин окумуштуусу Г. Рамстедт Монголияда «Сужи таш жазуусу» боюнча, сяцзяцы манихеизмди кабыл алганын далилдейт. Рамстедт таш жазууну талдоо менен эстеликтин ээси сяцзяцы экенин гана эмес, ошол кездеги айрым сяцзяцы эли манихеизмди кабыл алганын далилдеген[1].  Немис окумуштуусу Отто Менхен-Хельфен Рамстедтин корутундусунун негизинде, Минусинск петроглифтерине талдоо жүргүзгөн, жана бул петроглифтерде сяцзяцы доорунун диний маданий мурастары жакшы сакталган деп эсептейт. Аска-таш сүрөт чиймелериндеги адамдын сөлөкөтү мурду узун, муруттары калың, кийимдери кенен, таажылары бийик келген, булар Борбордук Азиядагы жана Шинжаңдагы манихейлик жана несториандык сүрөттөргө абдан окшош болгон, ушундан улам Рамстедт айткан сяцзяцы манихеизмди туткан деген корутундусун ырастайт»[2].

СССР окумуштуусу С. Г. Кляшторный «Сужи жазууларынын тарыхый жана маданий мааниси» деген макаласында баяндалган археологиялык материалдар жана француз окумуштуусу Пеллионун айрым баяндамалары байыркы кыргыздар арасында несторианизмдин таралышын изилдөө үчүн маанилүү маалымат болуп саналат[3]. Пеллионун билдирүүлөрү боюнча, 1886-жылдан тартып 20-кылымдын башына чейин Жети-Суу алабында, Эне-Сай дарыясынын алабында жана Шинжаңда 1300 ашык христиандардын ташка чегилген жазуулары казылып алынган. Эне-Сай петроглифтеринде көптөгөн сүрөттөр кездешет, алардын айрымдарында түлөөгө алып баруучулук кылган адам тартылган деп айтышат, алар сяцзяцы элине таандык деп эсептелинет. Кляшторныйдын айтымында: «Абу Дулеф сяцзяцы арасында шаманизмден башка диний жөрөлгөлөр бар экенин далилдейт. Алардын ибадатканалары бар жана алар сыйынганда ыргактуу тилде үн чыгарып окушат». «Азыркыга чейин, 6-9-кылымдарга таандык 45 жакын байыркы түрк-руна жазуулары басылып чыккан, бардыгы сяцзяцы хандыгынын чек ара аймагынан табылган, алардын тогузунда кресттин символу чегилген. Сырткы көрүнүшүнөн караганда, алар Орто Азия жана Азиянын орто бөлүгүндөгү Несторий кресттеринен бир аз айырмаланып турат… Жети-Суу аймагындагы Уюк-Тарлак жана Элегис несториан кресттерине окшош келет». Кляшторный бул археологиялык булактардан мындай жыйынтыкка келет: «9-кылымдын орто ченинде же андан кийинки мезгилде, сяцзяцы ак сөөктөрдүн арасында, кийинчерээк кеңири катмардын арасында Несторий дини анык болуп кеңири тарала баштаган»[4].

[1] Ян Фусюэ. «Кытай түндүк улуттардын тарыхы жана маданияты», Ганьсу эл басмасы, 2001, 250-б.

[2] О. М. Хельфен. «Сибирь петроглифтериндеги сяцзяцы манихеизм көрүнүшү», которгон Ян Фусюэ, алынды. «Кытай түндүк улуттардын тарыхы жана маданияты», Ганьсу эл басмасы, 2001, 322-334-б.

[3] Ян Фусюэ. «Байыркы кыргыздардын диний ишенимдери», булагы. «Кытай түндүк улуттардын тарыхы жана маданияты», Ганьсу эл басмасы, 2001, 251-б.

[4] Ян Фусюэ. «Байыркы кыргыздардын диний ишенимдери», булагы. «Кытай түндүк улуттардын тарыхы жана маданияты», Ганьсу эл басмасы, 2001, 251-251-б.

6. Ислам дини

17-18-кылымдарда кыргыз элинин негизги бөлүгү толугу менен батышка ооп, Теңир-Тоо жана Памирге көчүп келишкен, ошол мезгилде Ислам бүткүл элдин динине айланган. Шейф 1582-жылы жазган түрк тилиндеги кол жазмасында мындай деп жазат: «Кыргыздар менен моңголдор бир расага таандык, аларда хан жок, кашка деп аталган бек бар. Алар бутпарастар да эмес, мусулман да эмес, жолу бар жардуу тоолордо жашашат»[1].  Бул жагынан алып караганда, 16-кылымда кыргыздар Ислам динин жакшы билишкен эмес. Албетте, бул мезгилде исламга ишенген бир нече кыргыз феодалдык жогорку катмардагы адамдар да болгон. «Тарих-и-Рашиди» китебин жазган Мирза Мухаммад Хайдар кыргыз кол башчы болгон Мухаммад

Кыргыз деген атты эскерген, ал 1514-жылы Саид ханга Кашкарды басып алууга жардам берген[2].  Бул башчынын аты-жөнүнөн мусулман экенин баамдоо кыйын эмес, жок дегенде өзү исламдык ысымды алган. 16-кылымда Фергана жана анын айланасындагы кыргыздар мекендеген жайлоолорго саякат кылган мусулман олуяларынын көз карашы боюнча, ал кезде кыргыздар көп кудайларга сыйынуу жана бутка табынуу коомунда болгон. Мындай коом 18-кылымдын башына чейин кыргыз уруусу калмактар тарабынан түштүккө сүрүлгөнгө чейин болгон, жана Орто Азиядагы Фергана, Бухара, Кашкар аймактын тургундары тез-тез байланыша баштагандан кийин гана олуттуу өзгөрүүлөр башталган. Так ушул мезгилде кыргыздын ак сөөктөрү манаптар ислам динин массалык түрдө кабыл ала башташкан. Башкача айтканда, 16-кылымдын 2-жарымынан баштап кыргыздар акырындап ислам динине ишене башташкан жана 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында гана кыргыздардын улуттук дини болуп калган. Алгачкы тарыхый материалдар боюнча, 10-кылымдан кийин түштүк Теңир-Тоодо жашаган кыргыздардын бир бөлүгү мусулман болуп калган.

Кыргыз эли сунний исламдын ханафий мазхабын карманышат. Исламдык иш-аракеттерди негизинен мечитте жүргүзүү керек, бирок мечиттердин көбү калк жыш жайгашкан шаарларда жана кыштактарда курулган, малчылык аймактары чачыранды жайгашкан жерлерде мечиттер өтө аз. Мечит жок болгондуктан, ислам динине ишенген мусулмандар тоодогу жайытта же мал жайып баратканда тондорун чөпкө жайып, каалаган жерде намаз окуй алышат. Ислам окуулары боюнча мусулмандар «беш парзды» аткарышы керек. Бул беш парз: Бир Алладан башка Кудай жок жана анын периштелерин кабылдоо; Намаз окуу; Зекет берүү; Орозо кармоо; Ажыга баруу. Биринчи парз, Аллах Тааланын жалгыздыгана жана периштелерине ишенүү, Аллахты ар дайым эстеп жүрүү дегенди билдирет. Экинчи парз, намаз окууну билдирет, мусулман бир күндө беш убак намаз окууну жана ар бир жуманын жумасында мечитке барып жалпы намазга жыгылуу. Үчүнчү парз, диний салыктарды төлөө же кедейлерге жардам катары зекет берилет. Төртүнчү парз, Рамазан айында орозо кармаш керек. Бешинчи парз, Меккеге ажылыкка баруу дегенди билдирет. Ар бир мусулман, жынысына карабай, ден соолугу чың болуп, жол коопсуз болсо, өмүрүндө жок дегенде бир жолу Меккеге зыярат кылуусу зарыл. Чындыгында азыркы кыргыз үммөттөрдүн арасында, бул беш парзды кээ бир улгайган кишилер гана аткарышат, көптөр толук түрдө аткара алышпайт. Кыргыз мусулмандарынын диний ишмердүүлүгүнүн өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар, негизинен имам элди намаз окууга жапырт чакырып турат. Адамдар барып намаз окуйбу, алар өз каалоосуна жараша чечишет. Имам мажбурлабайт жана жазалабайт. Имамдын даражасы анчалык жогору эмес, малчылык аймактагы адамдар диний имамды эмес, элдин кадырбаркына татыган аксакалды аздектеп сыйлашат[3].

[1] «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы» редакциялык тобу: «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы,1985, 76-б.

[2] Мирза Мухаммад Хайдар. «Тарих-и-Рашиди» экинчи том, 67-69 бөлүм. Алынды «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы,1985, 67-68-б.

[3] «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы» редакциялык тобу: «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы,1985, 160-161-б.

7. Ламаизм

Тибет буддизми-кыргыз элинин ишеним дүйнөсүнө жана социалдык жашоосуна тийгизген таасири да абдан кызыктуу. Тибет буддизми ламаизм деген ат менен да белгилүү. Шинжаңдын Дөрбүлжүн ооданындагы кыргыздар узак убакыт бою моңголдор менен кошуна болгондуктан, ламаизм ишенимдери бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Тарыхый маалыматтар боюнча, б.з. 16-кылымда ламаизм Тибеттен Батыш монголдорго (ойроттор) жайылган. Ошол кезде Алтай тоолорунда жана Жуңгар ойдуңунда көчмөн болуп жүргөн айрым кыргыз уруулары ойроттордун кулу болуп, алардын кол алдындагы калкка айланган. Дөрбүлжүн ооданындагы кыргыздар ушул мезгилде ламаизмге ишенип башташкан болуш керек[1].  Дөрбүлжүн ооданындагы кыргыздар ламаизмге болгон ишеними, негизинен үйлөнүү, сөөк коюу жана башка үрп-адаттарда көрүнөт. Кудалашуу учурунда ламаизмдин төлгөчүсүн чакырышып, бул эркек менен аялдын жылдыз төлгөсү бири-бирине шайкеш келеби же туура келбейби деп сурашкан. Таанышуу, үйлөнүү тою жана тууган-уруктар аземинде төлгөчүнү ыйык сутраны окууга, курмандык чалып, Буддага сыйынуу учурунда да чакырышат. Албетте, алар ламаизмге ишенишкени менен, байыркы теңирчилик ишенимдерин да сактап калышкан. Туулган күндү өткөрүүдө, ысым коюуда, чокундуруу жана башка жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө Лама чакырышып сутра окутушкан, ал эми ооруну айыктырганга же бала суранганда, Лама чакырып сутра окутулуп, ошол эле учурда шаман бакшыны бийлөө ыкмасын жасоого да чакырышкан.

Хэйлунжаңдын Фуюй (Фуйү) ооданындагы кыргыздар Ислам динине ишенишкен эмес[2].  Алар азыркыга чейин байыркы шаманизмден тышкары, ламаизмге да табынышат. Хэйлунжаңдагы кыргыздарда ата-бабаларга сыйынуусу эки мазмунду камтыйт. Биринчиси, маркумдарды татыктуу көмүү жана курмандык чалуу, экинчиси, бардык ата-бабаларга сыйынуу. Анимизм боюнча, рухтун өлбөстүгү тууралуу көз караштын негизинде, маркум башка дүйнөдө бакубат жашоосу үчүн эркек маркумдун оозуна күмүш, жез тыйын, ал эми аял маркумдун оозуна маржан, бермет ж.б.у.с. салышкан, ошондой эле сөөк коюу ырымы өткөрүлөт. Арак, таттулар, короз, каймак, курут жана башкалар коюлат. Маркум колдонгон идишаяктары, тамеки каптары, оттук таш, бычактар жана башка буюмдары кошо көмүлөт. Көмүлгөндөн кийин үч күн, жети күн, жүз күн жана бир жылдыкта Будданын айкелинин алдында шам күйгүзүшөт. Маркумдун арбагы үйдүн коргоочусу болуп эсептелет. Ата-бабанын руху «Заяч» белгиси кызыл кездеме менен капталган жебенин каскагы, ал үйдүн төрт бурчуна сыйынуу үчүн коюлат. Жылкы үйүрдөн жылкы колдоочусун тандап алышат, ал «Озыл» деп аталып, ата-баба минген ат болуп эсептелет. Аты-жөнүнө жараша, жылкы колдоочусунун өңү да ар түрдүү болот. Мисалы, ата-теги Чан болсо, көк ала ат, Хан – жээрде ат, У – тору ат. Мындай жылкы башка малдар менен бирге жайылып жүрөт жана жылкы малды сактайт деген ишеним бар. Ата-бабаларга сыйынганда жылкыны үйгө киргизип, жаңы сүттү кичинекей шарап чөйчөккө куюп, аттын шилисине коюлат, ага эч ким тийбеши керек. Жылкысы жоктор ата-бабаларына сыйынуу үчүн жыгач тактайга жылкыны тартышып, кызыл кездеме илип да коюшат. Кошумчалай кетсек, Фуюй (Фуйү) ооданындагы кыргыздарда обо, кырман, Чоң Жетигенге табынуу сыяктуу салты бар, алар жылан, түлкү, жаныбарларга да сыйынышат. Алардын ламаизми байыркы шаманизм менен жуурулушуп, өздөрүнүн кайталангыс диний ишенимдер дүйнөсүн түзгөн.

[1] «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы» редакциялык тобу: «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы,1985, 160-161-б.

[2] Ду Жункунь, Анвар. «Кыргыз улуту», Улуттук басмасы, 1991.

8. Диний тыюулар

Бул ишенимдердин таасири менен кыргыздар күнүмдүк турмушунда көптөгөн элдик тыюуларды жана ага байланыштуу үрп-адаттарды жаратышкан. Элдик тыюулар элдик ишенимдердин негизинде жаралып, анын ажырагыс жана маанилүү мазмуну болуп саналат. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда ушул кезге чейин сакталып, эл арасында кеңири тараган байыркы тыюулар көп.

Шаманизмдин анимисттик түшүнүгү боюнча, мал ылаңдагандан кийин ыйык дарактын жанына айдап барышкан, мындай жол менен жиндерди жок кылышкан. Жалгыз өсүп жаткан мажүрүм тал, жылгын, чычырканактын бутактарын кесүүгө болбойт, арча жана чычырканакты боз үйдүн каалгасынын жанындагы кереге илип койсо, ал жиндерден сактайт, же болбосо карагайдын бутагынын майын колдонуп, үйдө түтүн чыгарса, аны менен ооруларды, жиндерди кууп, жаман оорулардын жугуусун алдын алат деп эсептелген.

Үй-бүлө мүчөсү алыскы сапардан кайтып келгенде, оорулуу айыгып кеткенде, үй кожойкеси бир идишке суу алып келип, дуба айтып, кайтып келген же айыгып кеткен адамдын башынан үч жолу тегеретет, андан кийин идиштин ичине түкүрүүнү суранат, ошол сууну адам кайтып келген жолго карай чачат, бул сыртка чыккан адамга байланган жиндерди кууп чыгат, каардуу жинден менен арбактардын үйгө кайтып келген адамды ээрчип кирип кетүүсүнөн сактайт.

Үй-бүлө мүчөлөрү ооруп, өмүрү коркунучта болгондо, жакындары ак сары башыл эчки курмандыкка союп, этин кошуналарга, кедей-кембагалдарга таратып беришет. Оорулуунун мойнуна узундугу бир метрдей ак матаны илип, Теңирге жана Кудайга сыйынышып жардам сурашат. Сыйынгандан кийин боз үйдү сааттын жебеси боюнча үч жолу айланып чуркашы керек, оорулуу айыкканга чейин күн сайын кайталанат. Оорулуу сакайып кеткенден кийин ак матаны майга салып күйгүзүшөт.

Эгерде кимдир-бирөө өлгөндөрдү түшүндө көрсө, өлгөндүн жаны ачка болуп, жардам сурап дүйнөгө кайтып келди деп эсептелет. Эгерде андай болсо, түш көргөн адам бир идишке таза суу алып чыгып, асманга жана Кудайга сыйынат, андан кийин сууну таза жерге чачып, маркумдун жаны жаннатта болсун, ачкачылыктан жана суусоодон кутулсун деп тилек кылат. Суу арноо ыкмасы ачка жанга тынчтык алып келет.

Кыргыздар бейшемби жана ишемби күндөрү маркумдардын арбагы ыйык Мекке жергесине зыяратка барчу күн деп эсептешет. Бул эки күн адамдар ажылык сапарында суусундук, тамак-аш сурап келген арбактарды түш көрүшөт. Ошондуктан бул эки күндүн ичинде адамдар казан асып, от жагып, түтүн чыгарып, жети-тогуз куймак бышырышат. Жуп санда куймак бышырылбайт, бул жамандык алып келет деп ойлошот. Эгерде жаратылышта же шарт жок башка жерлерде, убакыты жок болсо,анда таза жалпак таш, күрөккө бир нече көмүр салып, анын ордуна үстүнө бир нече тамчы май тамызылат, анын ордуна от түтүнүн чыгарса болот.

Үй-бүлөдө кимдир бирөө талма оорусу менен ооруса, өзгөчө бала талма менен ооруса, анда оорулуунун атынан бир улакты бошотуш керек. Бошотоор алдында улакты ооруган адамдан сааттын жебесине каршы үч жолу айландырып, андан кийин оорулуунун капталына байлап, оорулуунун абалы айыккыча анын жанында болот. Оорулууну айланып жатканда улак чүчкүрсө же заара кылса, ал жакшы белги болуп оорудан бат айыгат. Бошотоор улакты башкаларга сатууга, тууган-туушкандарга, кошуналарга берүүгө болбойт, жүнүн да кыркууга болбойт, оорулуу айыккандан кийин табияткка эркиндикке бошотуп жибериш керек. Бул ыкма ооруну алыс кетирип, кайра кайтып келбейт деп ойлошот. Оорудан айыгуу үчүн оорулуу, адам колу тийбеген таштарды оодарып, жерге караган бетин күнгө кактаган. Мына ушундай жол менен жаңы калыбына келген денеси, кайрадан ооруга кабылышына жол бербейт.

Ар бир жолу жаңы ай чыкканда, айды карап дуба кылышат, кеч киргенде жылаңач денени жылдыздар менен айга көрсөтпөйт; күн менен айды карап заара ушатпайт; экөө келишим түзүшкөндө, алар асманды же күндү карап ант беришкен; каргыш айтып жатканда, асман менен күндү айтуу керек; эскирген калпакты отко жагып күл кылыш керек, ыргытканга болбойт; көл жана дарыя жээгинде заара ушатууга тыюу салынат. Ачарчылык жылдарында адамдар көл жана дарыя жээгине келишип, жер казып, от жагып, тамак жасап табынышып, дуба кылышкан. Жаздын алгачкы күн күркүрөгөнү угулганда, жамгыр суроо жөрөлгөсү өткөрүлөт. 3, 7, 9 жана 40 сыяктуу сандарды ыйык сандар деп эсептешет. 9 санына байланышкан күндө жолго чыгып, үйлөнүүгө тыюу салынган. Адам өлгөндөн кийин отко май куюп, өлгөндүн арбагына дуба кылып, анын минген аты курмандыкка чалынган. Ак түстү ардакташат, кызыл түстү жакшы көрүшөт, сары түстөн сактанышат, кара түскө тыюу салынат. Тузду, данды басууга болбойт, кеч киргенде үйдөн бир нерселерди сыртка алып чыгууга болбойт, өзгөчө сүт, ун сыяктуу ак түстөгү нерселер, күүгүмдө уктоого тыюу салынат.

Жалгыз жолго чыккан адам каардуу арбактардан же жиндерден сактануу үчүн жанына канжар же бычак алып жүрүшү керек. Түнкүсүн ээн талаада уктаганда дуба айтып, бычак менен айланасына тегерек чийип, бычакты жаздыктын астына коюп укташ керек. Кыргыздар ар бир адамдын ийининде бир периште, бир шайтан болот деп эсептешет. Көбүнчө сол ийинде отурган шайтан жамандык кылганга түртөт, жакшыны жаманга, ийгиликти ийгиликсизге айлантып, акыры адамды жакшыдан баш тартып, жамандыкка баш ийгенге азгырат. Адам арбактарды көз менен көрө албайт, бир гана шумкар көрө алат. Эгер шумкар бирөөнүн ийине секирсе, ал жиндерди кармады деп ойлошот, жана мындан ары ал адамда  жакшылык гана болот. Кыргыздар карышкырдын териси, жүнү, сөөктөрү, эти ыйык, ооруларды айыктырып, урпактарды арбактардан коргойт деп эсептешет. Ошондуктан  карышкырдын терисинен жасалган тон эркектердин сүйүктүү тону болуп саналат. Бөрүнүн чүкөсүн эркектер көкүрөгүнө тагып же жанына алып жүрүшкөн, ошондой эле ымыркайдын бешик туткасына илишет. Наристени же секелек кыздарды бейтааныш бирөө тиктеп калса, көзү тийди, каргыш сөз тийди, аларга бактысыздык алып келет деп эсептешет. Ошондуктан, балдар же кыздардын мойнуна түстүү шуруларды жана асыл таштарды тагышат, ал көз мончок деп аталат. Кубануу, коркуу, чоң кырсыктан кутулуу же өз ара биримдик үчүн ант беришкенде, көк асманга жана ата-баба арбагына арналып курмандыкка мал союлат. Курмандыкка негизинен кой, жылкы, төө жана башкаларды союшат. Мындан тышкары, мышык, бугу өлтүрүүгө тыйуу салынат, караңгыда адамдын атын айтып кыйкырганга болбойт.

Алтынчы бөлүк  Материалдык эмес маданий мурастар

2006-жылдын 7-июнунда Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңеши тарабынан жарыяланган улуттук материалдык эмес маданий мурастардын биринчи тизмесинине кыргыз улутунун баатырдык «Манас» эпосу кирген. Анын № 25, номурдук белгиси I-25, Шинжаң КСКАО облусу жана Шинжаң элдик адабият жана искусство бирикмеси тарабынан биргеликте сунуш кылынган. «Манас» баатырдык эпосунан кийин, 2008-жылдын 7-июнунда мамлекеттик кеңеш тарабынан жарыяланган улуттук материалдык эмес маданий мурастардын экинчи тизмесине үч баалуулук киргизилген. Алар: «Кыргыз Өлөңү», № 570, номурдук белгиси I-83, Шинжаң Ак-Тоо ооданы жана Шинжаң педагогикалык университети тарабынан сунушталган; «Кыргыз комузчулук өнөрү», № 632, номурдук белгиси II-133, Шинжаң КСКАОнун Улуучат ооданы тарабынан сунушталган; «Кыргыз саймачылыгы», № 858, номурдук белгиси VII-81, Шинжаң Ак-Суу аймагынын Он-Суу ооданы тарабынан сунушталган. Улуттук материалдык эмес маданий мурастардын төрт баалуулук репрезентативдик тизмесинин ичинен «Манас» жана «Кыргыз Өлөңү» элдик адабият тобуна кирет. Бири–баатырдык эпос, экинчиси–көркөм жана жергиликтүү өзгөчөлүгү бар элдик ыр. Калгандары элдик музыкага жана элдик кол өнөрчүлүккө тиешелүү.

Шинжаңдын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине «Манас» кыргыз элдик дастаны, Памир кыргыздардын өлөң ыры, кыргыздардын комузчулук өнөрү, кыргыздардын ооз комузу, кыргыздардын өрмөчүлүгү, кыргыздардын саймачылык кооздо ыкмасы, кыргыздардын ээр жасоо ыкмасы,  кыргыз саймачылыгы, кыргыздардын бозо салуу ыкмасы, кыргыздардын бүркүт таптоо салты жана башка он эки баалуулук киргизилген.

Башкача айтканда, кыргыз улутунун эң өкүлдүк мүнөзгө ээ элдик салттык маданияты бүтүндөй өлкөгө тарап, кытай улуттарынын эң көрүнүктүү элдик салттык маданияты мамлекет тарабынан таанылып, өнүктүрүү, коргоо, мурастоо иштери натыйжалуу боло баштаган. Жакынкы келечекте кыргыздын мындан да көп баалуулугу улуттук материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилип, кытай улуттарынын элдик адабияты менен искусствосунун багында бажырайган гүлгө айланат деп ишенебиз.

Элдик материалдык эмес маданий мурастын көрүнүктүү баалуулугу, улуттук материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кириши менен аны алып жүргөн элдик өнөрпоздор да «материалдык эмес маданий мурастын улуттук мураскору» деп аталган. ШУАР деңгээлиндеги мураскор жана оодан деңгээлдеги материалдык эмес маданий мурастын көрүнүктүү мураскору деп бөлүнөт, алар ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик органдар тарабынан бааланып, коргоого алынат. Элдик маданияттын көптөгөн мураскорлордун ичинен тизмеге элдик адабияттын жана искусствонун беш чебери кирген. Алардын ичинен 2007жылы биринчи жарыяланган материалдык эмес маданий мурастардын улуттук деңгээлдеги мураскор тизмесине эки киши, 2009-жылы жарыяланган үчүнчү материалдык эмес маданий мурастардын улуттук деңгээлдеги мураскор тизмесине үч киши киргизилген. Бул улуттук деңгээлдеги материалдык эмес маданий мураскорлор арасында дүйнөгө таанымал, Кытай жана чет өлкөлүк академиялык чөйрөлөр тарабынан «Азыркы замандын Гомери» жана «Тирүү Гомер» деп аталган залкар манасчы Жусуп Мамай. Башка төрт мураскор: Шинжаң Улуучат оодандан чыккан атактуу манасчы Сартакун Кадыр (биринчи тизмеде), АкЧий ооданынын атактуу манасчысы Мамбеталы Аламан, Улуучат оодандагы Бостон-Теректин атактуу өлөңчүсү Таабалды Керим жана Улуучат ооданынын комузчусу Адылбек Кадыр.

Чындыгында, бул китепте чагылдырылган маданий баалуулуктун көбү кыргыз улутунун салттуу материалдык эмес маданий мурастарына таандык, алардын ичинде көптөгөн мыкты баалуулуктар материалдык эмес маданий мурастарды коргоо тизмесине киргизилип, коргоого алынышы керек, антпесе жоголуу коркунучунда турат. Кыргыз улутунун материалдык эмес маданий мурасы улуттук салттык маданият бөлүмүндө баяндалат, бул жерде аны кайталоонун кажети жок.

Жетинчи бөлүк.   Мурастар тизмесине кирген баалуулуктар

«Манас»–кыргыз элинин муундан-муунга оозеки айтылып келген баатырдык эпосу. 2009-жылдын октябрь айында, «Манас» эпосу Кытай Эл Респуликасынын атынан сунушталган 21 баалуулуктун катарында,  ЮНЕСКОнун «Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине» кирип, адамзаттын жалпы маданий мурасына айланып, дүйнөнүн көңүлүн бурган. Ошондон баштап, кыргыз элинде миңдеген жылдар бою оозеки айтылып келе жаткан бул даңазалуу эпос акыры дүйнөлүк маданий мурастын туу чокусуна чыгып, Кытайдын бедели артып, кыргыз улутуна даңк алып келди. 2006-жылы «Манас» баатырдык эпосу Кытайдын мамлекеттик кеңеши тарабынан жарыялаган биринчи топтогу «Кытайдын материалдык эмес маданий мурас тизмегине» кирген, ал кытай улуттарынын маанилүү маданий мурасына айланган.

Учурда «Манас» эпосу негизинен Шинжаң ТеңирТоонун түндүк-түштүк тоолуу аймактарында жана Памир аймагындагы КСКАО, Текес, Монголкүрө (Чжаосу), Улуучат, Таш-Коргон-Тажик автоном ооданында, Гума ооданында тараган. Эң көрүнүктүү варианты Жусуп Мамайдын айтуусундагы сегиз бөлүктөн турат: «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «АсылбачаБекбача», «Сомбилек», «Чигитей». Кытайдын ЮНЕСКОго сунуштаган «Манас» оозеки айтылган эпикалык эпос болуп саналат, ал Шинжаңда кыргыздар жашаган аймакта тараган, бир мазумундуу эпостун ар башка варианттарынын жалпы аталышы. «Манас» эпосун манасчы айтат, негизинен бир адам музыкалык коштоосу жок айтылат. Акыркы жылдары улуттук музыкалык аспап комуздун коштоосунда айткан жана бир нече киши чогуу айткандар да бар. Көбүнчө той-аш, маараке, элдик ырым-жырымда, салттык майрамдарда жана манас айтуу кечесинде айтылат. Кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан көчмөн маданияты бар, ал эми «Манас» эпосун айтуу – эл үчүн көңүл ачуу, тарыхты эстеп калуу, маданиятты мурастоо, билим үйрөнүү, келечек муунду тарбиялоо, жакшылык тилеп жана кырсыктан алыс болууну тилек кылып дуба кылуу сыяктуу улуттук маданиятты билдирүү ыкмасы. Ошондуктан «Манас» кыргыз элинин өздүк аң-сезим белгиси болуп саналат жана ал маданий мурастын эң маанилүү бөлүгү катары бааланат. Азыркы кыргыздар Манастын урпактары экенине сыймыктанып келишет. «Манас» эпосунун сексенден ашык варианты белгилүү, бир же бир нече бөлүгү бар, миңдеген же жүз миңдеген саптан турат, сөзү бай жана так, ыргагы мукамдуу, метафоралары курч жана жандуу, көптөгөн сөздөрү калк арасында кеңири тарап айтылып келет. Аткаруу обону гептахорд жана үстүңкү-астыңкы сүйлөмдөрдүн симметриялуу түзүлүшү колдонулат. Манасчылар ар кандай диапазонду жана обондорду колдонуп айтышат. Манас айтып жатканда үндүн кырааты, обону окуянын мазмунуна жана каарманга жараша өзгөрүлүп турат. Манасчы көбүнчө сөздү тандоо, сюжетти апыртуу, обонду өзгөртүү жана трофа берүү, обон алмаштыруу жана жаңсоо кыймылдары ж.б. жагынан импровизациялоо менен салттык мурасты жана жеке чыгармачылыкты шыктуу айкалыштырат, эпостун улантылышына жана өнүгүшүнө дем кошот. «Манас» эпосу «Гесар», «Жангар» эпостору менен бирге Кытайдын үч чоң эпосу болуп эсептелет. Ал кыргыз элинин эң көрүнүктүү чыгармасы жана оозеки көркөм «энциклопедиясы» болуп саналат. Азыркыга чейин элдин маданий аң-сезимин, улуттук кулк-мүнөзүн тарбиялоонун маанилүү куралы, жаратуу шыгын жана көркөм өнөр чеберчилигин  байытуунун булагы болуп саналат.

2006-жылы ШУАРдын маданият башкармалыгы тарабынан түзүлгөн «Шинжаңдын материалдык эмес маданий мурастарынын өкүлдүк чыгармалары» аттуу китебинде (Шинжаң эл басмасы, 2006-ж.), «Манас» эпосуна жети багытта баа берилип, тактап айтанда анын таралуу аймагы, негизги мазмуну, эпостун тематикасы, көркөмдүк өзгөчөлүктөрү, негизги белгилери, башкы баалуулуктары жана коргоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Бул китепте «Манас» эпосунун негизги мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн: Эпостук негизги мүнөздөмөсү: «Манас» эпосунда поэтикалык тил менен кыргыздардын уламыш тарыхы, турмуштун оошкыйыштары, шаңдуулугу менен типтүү эпостук мүнөзү бар; Энциклопедиялык өзгөчөлүгү: «Манас» эпосунун бай мазмуну кыргыздардын байыркы коомдук саясаты, экономикасы, маданияты, элдик үрп-адаттары жана башка жактары тууралуу маалыматтар камтыгандыктан, ал кыргыздардын тарыхый энциклопедиясы катары академиялык чөйрө тарабынан таанылган; Ооздон-оозго өткөрүүнүн жигердүү абалы: «Манас» эпосу барак бетине жазуу түрдө түшүрүлгөн эмес, ал миң жылдар бою ооздоноозго өтүп таралып келген, тоодон түшкөн кардай болуп, тоголонгон сайын көлөмү чоң болуп, ар кандай мезгилдин тарыхтык мазмуну жана улуттук аң-сезими кошулуп турган. Улуттук мурастын өзгөчөлүктөрү: «Манас» эпосу бир эле аймакта же бир эле урууда тараган эмес, ал бүтүндөй кыргыз элинин эпосу, бүткүл эл эпосту мурастап, аны жалпы улуттун акылмандыгы менен тынымсыз өркүндөтүп келишкен; Элдик өзгөчөлүктөрү: Хан Манас элдин коргоосунда туулуп-өскөн, эл үчүн курман болгон, элдин өкүлү, элдин сүйүүсүнө татыган, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан баатыр. Азыркыга чейин кыргыздар өзүн Манастын урпагы деп атап, аны менен сыймыктанышат; Биримдиктин жана мекенчилдиктин өзгөчөлүктөрү: «Манас» эпосунда ар дайым улуттук биримдик, уруулук биримдик, эл биримдиги жана мекенчилдик темасына басым жасалып, биримдиктин мааниси чагылдырылат; Ар түрдүүлүктүн өзгөчөлүктөрү: «Манас» эпосунун мазмуну өтө бай, варианттары да көп, учурда сексенден ашык варианты жыйналган, ар биринин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар, бул варианттардын, мазмундун ар түрдүүлүгүн жана аткаруунун кыраатын, ыкмасын, түрүнүн да ар түрдүүлүгүн толук чагылдырат; Санжыра жана баяндоо түзүлүшүнүн бүтүндүгү: «Манас» эпосунда Манас жана анын жети урпагынын даңазалуу баатырдык окуяларын баяндап, каармандар окуясы жана баяндоо түзүлүшүндө тыгыз байланышта болуп, толук түзүлүштөгү эпос жаралган. Оң, терс да каармандар, атүгүл алардын минген аттары, колго үйрөтүлүп тапталган канаттуулар жана айбанаттар да санжыра түрдө муундан муунга өтүп келген; Импровизациялоонун өзгөчөлүгү: «Манас» айтуу -чыгармачылык менен жатка айтуу жана импровизациянын айкалышуусу болуп саналат. Ар бир аткаруучу көп жолку аткаруу учурда акылмандык жана илхамдын негизинде импровизациялоо менен чыгарманы такай өркүндөтүп, жогорку даражага көтөрүп келет, ошондуктан көптөгөн варианттары бар; Трагедиялуу көркөмдүк жана бийик көркөмдүктүн эстетикалык мүнөздөмөлөрү: Трагедиялуу көркөмдүк жана бийик көркөмдүк-эки негизги адабий-көркөм чыгармаларынын эстетикалык мүнөздөмөлөрү «Манас»  эпосу аркылуу гана өтүп тим болбостон, ошондой эле тыгыз айкалышкан. Башкы каарман Манас жана анын урпагы өзү өмүрүнүн баасы менен улуттук жана уруулук биримдик, жашоо жана өнүгүү үчүн күрөшүшкөн. Бирок көпчүлүгү кайгылуу трагедия менен аяктайт, мындай трагедиялуу көркөмдүк Чыгыш эпосторунда сейрек кездешет.

Ошондой эле китепте эпостун тарыхый-маданий жана илимий баалуулугу, коомдук баалуулугу, реалдуулукка ыктаган практикалык баалуулугу, илимий изилдөө баалуулугу, көркөмдүк баалуулугу жана башка алкакта системалуу түрдө баалоо жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Кытай өкмөтү «Манас» эпосун сактоону кантип ишке ашыруу боюнча көптөгөн айкын чараларды жана долбоорлорду айкындамада так көргөзгөн. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүнүн негизги максаты эпосту сактоо болгон. Кытай «Манас» эпосун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын өкүлдүк чыгармасы катары ийгиликтүү киргизгенден кийин, ар кандай сактоо чараларын акырындык менен ишке ашырып, ЮНЕСКОнун алдындагы өз милдеттенмесин аткарып жатат. 2009-2013-жылдары: «Манас» эпосу эң көп таралган аймактарда маданий экологиялык коруктар жана жаратылышты коргоо мекемелерди куруу; Манасчылардын эпосту айтуу жыштыгын жогорулатуу жана жаш манасчыларды тарбиялоо үчүн тиешелүү жамааттарда каржылоону көбөйтүү; «Манас» айтуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн коомчулукту колдоо жана дем берүү, аны менен бирге кеңири масштабда калктын таануу даражасын көтөрүү; «Манас» эпосунун репрезентативдик мазмунун тандап алуу жана жыйнак түзүү, окуу-методикалык материалдарды түзүү жана басып чыгаруу, «Манас» эпосун улуттун башталгыч жана орто мектептери үчүн көркөм окуу программаларына киргизүү; «Манас» эпосунун маалымат кампасын түзүү, атайын вебсайт ачуу, «Манас» эпосунун көрүнүү жана таанылышын арттыруу үчүн заманбап медиа каражаттарын колдонуу; Төрт жылдык убакытты колдонуп 20-кылымдын 80-жылдардан баштап «Манас» айтылган бардык көрмө-укма документти санариптик көрмө-укма каражатына көчүрүү, узак убакытка сактап жана колдонуу, «Манастын» ар кандай варианттарын кыргыз тилинде үзгүлтүксүз басып чыгаруу, англис тилине которуу жана басып чыгаруу иштерин баштоо, «Манас» сөздүгүн түзүү; «Манас» эл аралык илимий симпозиум өткөрүү, тиешелүү илимий изилдөөлөргө түрткү берүү, «Манас» эпосун сактоону толук ишке ашыруу. Дүйнөлүк мурастар тизмесине ийгиликтүү кириши, «Манас» эпосун сактоо жана мурастоо жаңы тарыхый мезгилге кадам таштаганын билдирген. Миңдеген жылдардан бери оозеки айтылып келе жаткан «Манас» эпосу, Кытайдын бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын колдоосунун астында, мындан ары көп түрдүү жол менен дагы бир миң жылдыкка карай кадам таштары шексиз.

 

ТӨРТҮНЧҮ БАП.

  КЫРГЫЗ УЛУТУНУН КООМДУК МАДАНИЯТЫ

Биринчи бөлүк.  Салттуу коомдук түзүлүшү

Коомдук түзүлүш – жалпы өндүрүш же иш үчүн уюшулган адамдардын тобу[1].  Кытай этнологу Хэ Синляндын (何星亮) көз карашында, коомдук түзүлүш төмөнкүдөй негизги өзгөчөлүктөргө ээ: Биринчиден, алардын белгилүү сандагы мүчөлөрү бар, эки же андан көп, эң көп дегенде жүз миң, миллион же бир нече миллиард да болушу мүмкүн; Экинчиден, так белгиленген түзүлүштүк аң-сезими бар; Үчүнчүдөн, анын аныкталган милдети жана максаты бар; Төртүнчүдөн, анын түзүлүшү тутумдаштырылган; Бешинчиден, жалпы жүрүм-турум ченемдери бар; Алтынчыдан, анын бардык мүчөлөрү тарабынан таанылган жоопкерчилиги, укугу жана милдеттенмеси бар. Тарыхый жактан караганда, кыргыздардын коомдук түзүлүшүн негизинен уруу жана урук бирикмелери түзгөн. Уруу жана урук астында «айыл» жана «үй» болгон. Бардык феодалдык династиялардын бийлиги ушул эң негизги эки коомдук түзүлүш аркылуу ишке ашырылган. Тарыхка кайрылсак, көчмөн турмуштун муктаждыктарына ылайык, кыргыз элинин баары аскер болгон, армиядагы негизги бирдик «эсептөө» негизинен уруулук башкаруу ишин жүргүзгөн жана буйрук берген.

Уруучулук – кыргыз коомунун баштапкы коомдук түзүлүшү, өндүрүмдүүлүктүн жогорулашынын жана топтук никелешүү системасынын ишке ашырылышынын натыйжасында пайда болгон. Адегенде матриархалдык, анан патриархалдык уруучулук калыптанган. Уруучулукта бара-бара уруу жана уруулук биримдиктер пайда болгон. Уруучулуктун аталышында жаныбарлардын атын колдонуу мүнөздүү, бул тотемизмдин болгонун аныктайт.

Бегре таш жазууда төмөнкүдөй сөздөр чегилген: «Мен жети бөрүнү өлтүрдүм, бирок илбирс менен бугуну өлтүрбөдүм»[2].  Бул жырткычтар түздөн-түз жырткычтардын өзүнө эмес, аларды тотем катары туткан уруучулукка тиешелүү. Жети бөрүнү өлтүрдүм дегени, бөрүнү тотем туткан жети уруучулукту жеңдим дегенди билдирет. Бөрү, илбирс, бугу тотеминен тышкары, байыркы кыргыз элинин тотемдик түшүнүктөрү көп болгон, мисалы уй, көк ажыдаар, алп жылан, арстан, аюу, бүркүт ж.б. Кыргыздар негизинен бир нече айылдардан турган, анын бир катар негизги өзгөчөлүктөрү бар: Биринчи, уруучулук мүчөлөрдүн ата-теги бир, кандаш туугандар; Экинчи, уруучулук жалпы аталышка ээ, көбүнчө уруучулуктун ата-тегинин аты колдонулат; Үчүнчү, уруучулук ичинде никеге уруксат берилбей, алар жети муундан кийин гана үйлөнө алышат; Төртүнчү, ар бир уруучулукта кеңеш болот, негизги иштердин бардыгы кеңеш тарабынан чечилет; Бешинчи, ар бир уруучулукта башчы болот, аны көбүнчө уруучулук ичиндеги абройлуу аксакал башкарат же шайланат. Бирок уруучулукта кээ бир феодалдык ак сөөктөр бул салтты колдонушуп аксакал кызмат ордун тартып алышкан. Уруучулук жамааттык көчүү жана жайыт жерлерин тандоону уруучулук башчысы чечкен, ал эми уруучулук башчыларынын ортосундагы чыр-чатактар менен талаш-тартыштарда, башчысы ортомчулук кылган; Алтынчы, уруучулук мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын жана жайыттарын коргоо, жайлоо жерлерин жана башка мүлктөрүн коргоо, үйлөнүү үлпөт, жаназа, чет элдик улуттардан өч алуу сыяктуу маанилүү иштерде бири-бирине жардам берип, кызматташып турушкан; Жетинчи, кээ бир уруучулук жайыттар да башчыларынын ысымдары менен аталган; Сегизинчи, кээ бир уруучулуктун белгиленген жалпы көрүстөндөрү болгон[3].  Уруучулукка караштуу патриархалдык түзүлүштөгү үй-бүлө дагы болгон, анда үй-бүлө башчысы эркек, ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнө аялы жана токолу, бир тууган ага же иниси, уулу, келини, кызы, күйөө баласы жана кулу кирген[4].

Кыргыздын уруулары майда чачыранды болуп, бир жерге топтолуп жашашкан. Кыргыздардын саясаты, экономикасы, аскердик иши, маданияты, өндүрүшү жана турмушу уруулук түзүлүш менен тыгыз байланышта. Уруу – кыргыз коомдук түзүлүштүн негизи болуп саналат жана кыргыздардын калыптанышында жана өнүгүшүндө мааниси чоң. Кыргыз уруулары боюнча, Таң доорунун тарыхый документтеринде бир аз жазуулар бар, бирок толук маалымат жок. Таң доорунда кыргыздардын ата-бабасы түптөгөн Сяцзяцы хандыктын калкынын саны бир миллиондон ашкан[5].  Эгер күчтүү коомдук түзүлүшү болбосо, аны башкаруу кыйын болмок. Бул дагы Таң доорунда кыргыздын уруулук түзүлүштүн ички курамында салыштырмалуу толук уруулук системасы калыптангандыгын далилдейт. Анын үстүнө бул уруулук системасы түпкү уруучулук системасынан айырмаланып турган. Тарыхый маалыматтарга караганда, ал кездеги кыргыз коомунда Цисиби, Цзюйшабоби жана Амиби чоң үч уруу болгон, бул чоң үч уруунун башчысы «Бей» же «Бий», кээ бир тарыхый булактарда «Бег» же «Бек» деп да аталат, алар биргеликте кыргыздын бардык урууларын башкарган. Бул үч чоң уруунун астында ар кандай майда уруулар болгон. Майда уруулардын саны тарыхый китептерде кеңири катталган эмес, бирок элдик оозеки уламыштарга караганда, ал кезде кыргыздын кырк уруусу болгон. Майда уруулардын астында уруучулук, ал эми уруу чындыгында уруучулуктун биримдиги. Кыргыз коомунун эң жогорку башкаруучусу – «каган» же «ажо», анын астында «зайсан, тутук, чжи ши, чаңшы, саңун, таркан; жети зайсан, үч тутук, он чжи ши, бардыгы аскер, он беш чаңшы, саңун жана таркан так саны жок», бул «Ажо» башында турган башкаруу системасы калыптана баштаганын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, жогорку катмардагы адамды «Бек» же «Бий» деп аташкан, эң төмөнкү катмарда кулдар болгон. Эркек кулду «кул», аял кулду «күң» деп аталып, кулдар негизинен согуш туткундары болгон. Таң доорунда кыргыз уруусунун ички таптык бөлүнүүсү ачык байкалып турат, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым абдан чоң болуп, байлардын миңдеген жылкысы, ал эми кедейлердин эч нерсеси жок болгон.

Бий – кыргыз элинин байыркы доордон азыркы мезгилге чейин колдонгон эл башкарган адамдын расмий аталышы. Алгачкы «бий» деген расмий титулга ээ адам, урук-уруу коомунун укуктук адатынын калысы болгон, бүгүнкү күндөгү сотторго барабар. Бийлер кыйла күчкө ээ болгондуктан, кээ бир бийлер бир уруунун башчысы болушкан. Чоң жана майда уруу башчысы болгон «Бий» феодалдык үстөмдүк таптын өкүлү. Бийлер уруулук түзүлүштү, көз карашты, диний ырым-жырымдарды сактап калууга умтулуп, аларды өз кызыкчылыгына пайдаланып келишкен. Алардын көбү Цин өкмөтү жана кийинчерээк аскер башчы өкмөт тарабынан жергиликтүү чиновниктер болуп дайындалып, кыргыздарды башкаруунун күчтүү куралына айланган. Бурут уруулары Цин өкмөтүнө киргенден кийин, Цин өкмөтү алардын баштапкы коомдук түзүлүшүн өзгөрткөн эмес. Уруу башчыларын дайындоо өзгөрүүсүз калган, бирок мураска өткөрүп берүүдө Цин өкмөтүнүн жактыруусунан өтүш керек болгон. Анын жалпы жол-жобосу: ар бир уруу башчысы адегенде Кашкар менен Иледе жайгашкан министрликке жазуу сурамын жиберишкен, андан соң алар императорго бош кызмат ордун толтуруу үчүн кошумча дайындоо тууралуу ырастоону жиберишет. Цин өкмөтү бурут менен Акаракыч жана башкалардын кызмат ордун дайындоодон тышкары, буруттун ар бир уруу башчыларына ар кандай тартууларды берип турушкан. Тарыхый жазууларда: «буруттун башчысы же кол алдындагылары чын ыкластуу жана талыкпай иштешет, аларга жогорку наам ыйгарылат»[6]. Берилген расмий наамдар экинчи даражадан жетинчи даражага чейин болгон. 1865-жылы Якуб Кашкарды басып алып, 1867-жылы «Жети-шаар» деп аталган хандыкты түзгөн. Кыргыз улутунун аймагында, Якуб жергиликтүү феодалдык коомду тирөөч катары таянып, Азимбек, Бий, Он кожолукка башчы кылып дайындап, алардын жоруктарына көз салып турган. Англия, Россия сыяктуу капиталисттик мамлекеттердин тынымсыз басып кириши менен Цин өкмөтү Шинжаңга көңүл бурган. Якуб бийлигин кулаткандан кийин Цин өкмөтү акыры

Шинжаңда провинция түзгөн, 1884-жылы расмий түрдө Лю Цзиньтанды (刘锦棠) Шинжаңга генерал-губернатор кылып дайындаган. Шинжаң провинция катары түзүлүшү жана «Бек» системасынын жоюлушу өз ара себептерден жана тарыхый агымга ылайык келген. Бек системасынын жоюлушу, Шинжаңдагы крепосттук чарба феодалдык-көп жердин ээси экономикасына айланышына алып келген[7].

Цин өкмөтү буруттар аймагында «кыштактык башкаруу» системасын ишке ашырган. Алардын ичинен Улуучат аймагындагы Черик жана Кушчу деген эки урууда төрт «кыштактык башкаруу» түзүлүп, аларга баш ийген он башчылык дайындалган. Төрт «кыштактык башкаруу» үстүнөн жалпы кыштактык башкаруу да түзүлгөн, ал түздөн-түз Улуучат райондук башкаруу башкармалыгына караган. Жаңсар аймагындагы көчмөн малчылар буруттарда дагы «төрт кыштактык башкаруу» болгон. Жалпысынан алганда, кыштактык башкарууну уруунун башчысы аркалайт, бирок ал Цин өкмөтү тарабынан дайындалат[8]. Бул мезгилде бүтүндөй кыргыз аймагында «бий» мансап наамы түп-тамыры менен жок болгон.

Кыргыз улутунун батышты көздөй тынымсыз көчүүсү, ошондой эле жашоо аймагынын жана коомдук чөйрөсүнүн өзгөрүшү, калктын санынын көбөйүшү менен жайыттардын кеңейиши, уруучулуктун ортосундагы кызыкчылыктардын бөлүнүшү же согуштан улам байыркы уруулук коомдук түзүлүшү көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болгон, түпкү уруулук мүнөздөмөлөр бара-бара жаңы уруулук мамилелерге алмашкан. Жеке чарба акырындык менен маанилүү орунду ээлеп, байыркы уруулук менчик тартиби алмашкан. Элдин үй-бүлө, таптык түшүнүгү акырындык менен жогорулаган. Ата-тектикке негизделген баштапкы коомдук түзүлүшү бара-бара мейкиндик мамилеге негизделген коомдук байланышка айланган. Уруулардын түзүлүшү да акырындык менен кандаш байланыштарга негизделбей калган, айылдаш, жердештик сыяктуу байланыштын негизинде жаңы уруулук түзүлүш пайда болгон.

Ошого карабастан, азыркы кыргыз элинин уруулук түзүлүшү коомдун өзгөрүшүнө жана өнүгүшүндө акырындык менен ыдырап кеткени менен, уруулук түшүнүк кыргыз элинин коомдук турмушунда абдан маанилүү орунду ээлейт, элдердин жашоосуна чоң таасирин тийгизип келет. Уруу башчылары коомдук жана саясий турмушта олуттуу таасирге ээ. Бул уруулук түшүнүк феодалдык башкаруучулар тарабынан адамдардын таптык аң-сезимин күңүрт кылуу үчүн колдонулган. Феодалдар көбүнчө «уруулук өз ара жардамдашуу» деген ат менен малчыларды пайдаланышкан. Мындан тышкары, ошол кездеги кыргыздарда өкүм сүргөн салттуу укуктук адат, феодалдык башкаруучу таптар тарабынан уруулук түшүнүгүн колдонуунун бир түрү болгон, алар уруунун салттуу укуктук адатын жамынып, бай менен кедейдин ичинен байга колдоо көрсөткөн, эркек менен аялдын ичинен эркектерге артыкчылык берген[9].

Жаңы доорго киргенде, кыргыз аймагында Цин (Чиң) династиясынын «Бек» даражасы сакталып калган, ал «Баоцзя» даражасы менен айкалышкан. «Бек» жалпысынан миң башы, жүз башы, элүү башы, он башы сыяктуу башчысынын милдетин аткарган. Бул Кытай Республикасынын Гоминьдан партиясынын кыргыз улутун башкаруу учурунда колдонгон тунт уюштуруу куралдарынын жыйындысы болгон. Негизги бийлик толугу менен бир нече бектердин, бай малчылардын, диний башчынын колунда болгон. Кыргыз коому негизинен көчмөн малчылык абалда сакталып, өндүрүмдүүлүк артта калган, жогорку таптар тарабынан пайдаланылган, анын натыйжасында таптык карама-каршылыктар күчөгөн. Элдин антиимпериалисттик, антифеодалдык жана антибюрократиялык аң-сезими тынымсыз жогорулаган. Башка жагынан Кытайдын коммунистик партиясынын жол көрсөтүүсүнүн негизинде, ар кайсы жерлерде ар кандай коомдук түзүлүштөрдүн аң-сезимин жана аракеттерин бириктирүү иштери башталган. Эң маанилүү коомдун бири «Кыргыз агартуу уюшмасы» болгон. 20-кылымдын 30-жылдардын орто ченинде Шинжаңдын борбору Дихуа шаарында (азыркы Үрүмчү) казак жана кыргыз улуту биргеликте «Казак-кыргыз агартуу уюшмасын» түзүшкөн. Бул уюшма кыргыз аймагында Кашкар, Ак-Чий, Улуучат, Жаңсар, Шуфу, Файзабад жана башка жерлерде «Кыргыз агартуу уюшмасы»(кыс. КАУ) көптөгөн бөлүмдөрүн ачкан. Анын негизги иши – мектептерди уюштуруу, сабаттуулукту жогорулатуу, массалык-маданий иштерди жүргүзүү. Жетекчилер менен кызматкерлердин баары кыргыз улутунан, анын ичинде диний адамдар, уруу башчылары жана жаштар болгон, каржылоо негизинен элден келген. КАУнүн эл арасында зор таасири болгон, улуттун негизги коомдук иш-чаралары коом аркылуу ишке ашырылган, ал эми жергиликтүү административдик органдардын кээ бир иштери да ал аркылуу аткарылыган. Маселен, Улуучат жана Ак-Чий оодан катары түзүү сунушун да, КАУ көтөрүп чыккан; Улуучат жана Ак-Чий ооданынын чек ара тургундары совет эли менен соода жүргүзүү иштерин да уюшма уюштурган. Жапанга каршы согуш мезгилинде, КАУ каршылык көрсөтүү демилгесин жайылткан, анти-Жапондук жана СССРдин антифашисттик согуштун фронтторуна колдоо көрсөтүү үчүн жардамдарды чогулткан.

Ак-Чий ооданы түзүлгөндөн кийин, 1941-жылы АкЧийде КАУ түзүлгөн, анын негизги максаты улуттук маданиятты жана билимди көтөрүү болгон. КАУнун аткаруу комитети жана көзөмөл комитети түзүлгөн, башкарууда каржы, катчы, жайылтуу жана маданият бөлүмү болгон. Мектептерди ачып билим берүүнү өнүктүрүүдөн тышкары, кээ бир башка коомдук камкордук кызматтары түзүлгөн. Жапанга каршы согуш мезгилинде Шинжаңдын чек ара аймактарында камдалган азык-түлүк жетишсиз болгон, КАУ СССР менен бартердик алмашуу соода түрүн баштаган, жүктөрдү ташууда өзүнүн унаа каражатын эки тарапта тең колдонгон.

1935-жылы Улуучат ооданында КАУ түзүлгөн, ал Кашкар КАУнун бөлүмүнө караган. Ошол мезгилде кыргыз улутундагы көптөгөн таланттуу жаштар уюшмага киришкен. Улуучат КАУнун уставына ылайык, уюшулгандан баштап улуттун маданий-агартуу иштерин илгерилетүү негизги милдети катары кабыл алынган, кыргыздардын маданий агартуу иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүлө баштаган. Мао Цзэминь (毛泽民) Шинжаңдын каржы бөлүмүнүн башчысы болуп турганда, КАУ аркылуу кыргыздардын малчылык аймагында мектептерди уюштуруу үчүн атайын каражат бөлүп берген, КАУда коомдун мектептерин түзүү үчүн каражат чогулткан. 1940-жылы Искак Якуб Дихуа КАУнун төрагасы болуп дайындалгандан кийин кыргыздардын малчылык аймагында башталгыч мектеп ачкан. Ал Кашкардан жана башка жерлерден уйгур интеллектуалдарын Улуучатка мугалим катары чакырган, оодандык мектептен мыкты бүтүрүүчүлөрдү тандалып, Кашкарда кыска мөөнөттүү мугалимдерди даярдоочу окуу курстары уюштурулган. СССРдин Кыргыз ССРнен окуу китептерин алып келинген, аларды окуу куралы катары колдонушкан. 1944-жылы Улуучат КАУ коомдук билим берүүнү өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынын өткөрүп, кыргыз улутунун билим берүүсүн кантип өнүктүрүү керектигин изилдеген. Жыйындан кийин ар кайсы айылдардагы кыргыз дыйкандары жана малчылары чогулуп коомдук мектептерди кеңейтүүнү чечишкен, 10 коомдук башталгыч мектеп түзүү, кийинки жылы 3 коомдук башталгыч мектепти кошуу боюнча макулдашкан. КАУнун коомдук башталгыч мектеби негизинен тил, арифметика, табият, поэзия, дене тарбия ж.б. сабактар окутулган. Мугалимдердин көбү КАУ тарабынан башка жерлерден тандалып алынган билимдүү жаштар жана оодандан билим алган бүтүрүүчүлөр болгон, аз улуттардын аймактарында билим берүүнү өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.

1934-жылы Кашкарда КАУ түзүлүп, анын астында Шуфу, Жаңсар, Файзабад оодандарында КАУ түзүлгөн. 1935-жылы анын башкаруусунда Улуучат-КАУ болгон. Кашкарда уюшма уюшулгандан кийин кыргыз аймагында оодан түзүүнү көтөрүп чыгуу менен бирге, ал кыргыз аймагында маданий-агартуу иштерин да өнүктүргөн. Кашкар өзгөчө аймагына караштуу ар башка оодандагы кыргыз аймактарында көптөгөн мектептер гана курулбастан, Кашкарда кыргыз башталгыч мектептери уюшулган, Кашкар педагогикалык окуу жайында атайын кыргыз класстары ачылган. КАУнун бөлүмү кээ бир маданий жана эс алуу иш-чараларын да уюштурган, мисалы спектакль, ырдоо ж.б. Ар кайсы жердеги КАУнун көркөм ышкыбоздор тобу малчылык жайыттагы эл үчүн аткарууларды коюшкан. Анын негизги мазмуну аялдарды феодализмдин эзүүсүн жана пайдакорлордун жүрүш-турушун ашкерелөө, жапон баскынчыларына каршы согуш үгүт иштерин да жүргүзгөн, аягында актёрлор көрүүчүлөр үчүн же алар менен бирге жапонго каршы ырларды ырдашкан.

1935-жылы Улуучат-КАУ түзүлгөн. Анын негизги максаты улуттук тил-жазууну жайылтууга көмөктөшүү, китептерди жана мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруу, мектептерди ачуу, балдарга билим берүү жана маданиятты жогорулатуу болгон. Ак-Чий оодан болуп түзүлгөнгө чейин, Улуучат-КАУнун башчылары, Улуучат ооданын ичинде кыргыз аймагында маданий-агартуу иштерин жүргүзүп, мугалимдерди окутуп даярдашкан. 1937-жылы Улуучат-КАУ Какшалдын (азыркы Ак-Чий ооданы) төрт айылында бирден башталгыч мектеп ачкан. Жапонго каршы согуш мезгилинде КАУ Советтер Союзу менен бартердик алмашуу элдик соода түрүн жүргүзгөн, аны менен чек арага жакын аймактарда азык-түлүк тартыш көрүнүшүн жеңилдеткен.

1954-жылы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусу түзүлүп, Кытайдагы кыргыз улутунун саясий жана маданий турмушунда зор өзгөрүү болгон. Ошондон тартып кыргыз улуту, өлкөдөгү бардык улуттар сыяктуу эле үмүткө толгон социализмдин жаңы дооруна карай кадам таштаган. Кытайдын Коммунисттик партиясынын туура жетекчилиги астында, кыргыз улуту өз үйүндө кожоюн гана болбостон, өзүнө тиешелүү улуттук автоном облусуна да ээ болгон, ошондой эле саясий, экономикалык, маданий жана башка багыттарда ар тараптуу өнүгүүнүн жолуна карай багыт алган. Партиянын XI чакырымдын III пленумунан кийин улуттук саясий системанын өнүгүшү жана чыңдалышы менен партиянын аймактык улуттук автономия саясаты да ишке ашырылып, Кыргыз автоном облусу жана өлкөнүн ар түрдүү аймагында жашаган кыргыз улуту этникалык теңчиликке ээ болгон. Бул мезгилде коомдук уюмдар негизинен жарандык башкаруу бөлүмүндө катталган жарандык коом топторуна таандык болгон, бул жарандык коом топтору да салыштырмалуу башталгыч түрдөн илимий жана стандарттык багытка карай өнүгө баштаган. 2010-жылга карата кыргыз улутунун бүткүл өлкөлүк коомдук уюмдары жана жергиликтүү коомдук уюмдары бир топ эле өнүккөн. Негизги коомдук уюмдар: Кытай «Манас» изилдөө коому, Шинжаң кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын изилдөө коому, Цицикар шаарында кыргыз достук бирикмеси, ошондой эле кыргыз Хэйлунжаң этникалык изилдөө коому – Кыргыз улутун изилдөө бирикмеси ж.б. Кытай «Манас» изилдөө коому өлкөдөгү «Манас» эпосун изилдөөнүн жалпы мамлекеттик жалгыз академиялык топ болуп саналат, ал 1995-жылы июнь айында негизделген. Илимий изилдөө тобу жана коому «Манас» эпосун изилдөө менен алектенген ар кыл этностордун илимпоздорун бириктирген, «Манас» эпосун изилдөө боюнча илимий пикир алмашуу жана үгүт иштерин жүргүзгөн. Кытайда «Манас» эпосун дүйнөгө таанытып, эпосту изилдөөнү өркүндөтүү үчүн бир топ пайдалуу иштер жасалды. Шинжаң кыргыз тили, адабияты жана тарыхын изилдөө коому – ШУАРдын коомдук илимдер тобу болгон, ал 1985-жылы түзүлгөн. Коомдун максаты: Кыргыз тили, адабияты, тарыхы ж.б. тармактарда илимий изилдөөлөрдү уюштуруу; Эл арасында тараган кыргыз тили, адабияты, тарыхы боюнча материалдарды чогултуу, аларды уюштурууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтүү; Кыргыз «Акындар айтышын» уюштуруу; Кытай жана чет элдик илимпоздор же коомдор менен илимий алмашууларды жүргүзүү. 1986-жылы биринчи Шинжаң «Манас» илимий жыйыны өткөн. 1987-жылы Улуучат ооданда Шинжаң кыргыз тили, адабияты илимий жыйынында биринчи «Акындар айтышы» өткөн, ага 30дан ашык акындар катышкан. 1990-жылы Үрүмчүдө «Биринчи Кытай «Манас» эпосунун илимий жыйыны» өткөн. Жыйындан кийин материалдар кыргыз жана кытай тилдеринде басылып чыккан. 1994-жылы Үрүмчүдө тиешелүү бөлүмдөрдүн көмөгү менен эл аралык «Манас» илимий симпозиуму болуп, илимий жыйнактар кыргыз тилинде жарык көргөн. 1992-жылы «Цицикар- Кыргыз достук бирикмеси» түзүлгөн. Устав боюнча кеңештин мөөнөтү үч жыл болуп, ал өзгөчө жагдайларда байланыштуу узартылышы же кийинкиге жылдырылышы мүмкүн деп белгиленген. 1997-жылдын 12-январында башчылары алмаштырылган, устав кайра каралып, башкаруу мөөнөтү 5 жылга өзгөртүлгөн. «Кыргыз достук бирикмеси» 5 бөлүмдөн турган: шаар, Фуюй (Фуйү) шаарчасы, Достук шаарчасы, Фуюй (Фуйү) жайыт аймагы, Тахаа шаарчасы. Илимий топ «Kыргыз улутун изилдөө бирикмеси» Хэйлунжаң этникалык изилдөө коомунун бир бөлүмү болгон, анын толук аталышы «Хэйлунжаң этникалык изилдөө коому-Кыргыз улутун изилдөө бирикмеси», ал 1996-жылы июнь айында түзүлгөн. Изилдөө бирикмесинин максаты: бүткүл облус боюнча кыргыз улутунун изилдөөсүнө ынтызар болгон адистерди, илимпоздорду, этностук иштер боюнча кызматкерлерди бириктирүү жана уюштуруу, кыргыз улутунун тарых, экономика, маданият, дин жана башка маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, Хэйлунжаң провинциясындагы кыргыз улутунун экономикасын өнүктүүрү кызматтарын аткаруу. Изилдөө бирикменин мүчөлөрүнүн милдети терең изилдөө иштерин жүргүзүү, кыргыз улутунун изилдөөлөрү боюнча академиялык монографияларды жана макалаларды жазуу, ар кандай илимий жыйын жана илимий алмашууларды өткөрүүнү уюштуруу болгон. Кыргыз улутунун изилдөөлөргө байланыштуу эмгектердин жана монографиялардын жыйнактарын редакциялоо, мүчөлөрдүн көрүнүктүү илимий жетишкендиктерин гезиттерге жана басма бөлүмдөрүнө сунуштоо. Бирикме мүчөлөрүнүн жыйыны 4 жылда бир өткөрүлүп турган, анда негизинен билдирмелерди кароо, уставды кайра карап чыгуу жана кеңешти кайра бекитүү иштери каралган. Кеңеш жылына бир жолу өткөрүлүп, негизинен иш-чараларды уюштуруу, маалымат алмашуу жана макалалар боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөн.

[1] Хэ Синлян. «Шинжаң этникалык топтордун салттуу коому жана уюму», Коммерциялык басма, 2003, 34-б.

[2] А.Н. Бернштам. «6-8-кылымдагы Орхон-Енисей түрктөрүнүн социалдык-экономикалык түзүлүшү (Чыгыш Түрк каганаты жана сяцзясы)», которгон Ян Нэ, Шинжаң эл басмасы, 1997, 221-б.

[3] Анвар Байтур. «Кыргыздардын боштондукка чыкканга чейинки жана кийинки коомдук-экономикалык абалы», алынды: «Шинжаң жайыт аймактарынын экономикасы», Айыл басмасы, 1988, 471-472-б.

[4] А.Н. Бернштам. «6-8-кылымдагы Орхон-Енисей түрктөрүнүн социалдык-экономикалык түзүлүшү (Чыгыш Түрк каганаты жана сяцзясы)», которгон Ян Нэ, Шинжаң эл басмасы, 1997, 218-219-б.

[5] «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы» редакциялоо тобу: «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», Шинжаң эл басмасы,1985, 32-б.

[6] «Цин (Чиң) династиясынын закондор жыйнагы» алтымыш сегизинчи бөлүм, алынды: Вань Сюэюй, Аскар Жунус. «Кыргыз улуту: тарыхы жана азыркы абалы», Шинжаң эл басмасы, 2005, 100-б.

[7] Вань Сюэюй, Аскар Жунус. «Кыргыз улуту: тарыхы жана азыркы абалы», Шинжаң эл басмасы, 2005, 101-б.

[8] Вань Сюэюй, Аскар Жунус. «Кыргыз улуту: тарыхы жана азыркы абалы», Шинжаң эл басмасы, 2005, 101-б.

[9] Вань Сюэюй, Аскар Жунус. «Кыргыз улуту: тарыхы жана азыркы абалы», Шинжаң эл басмасы, 2005, 100-б.

Экинчи бөлүк.  Карым-катнаш маданияты

Кыргыздар меймандос, башкалар менен мамиле кылуунун тартибин бекем сактаган эл. «Бабадан калган мурастын бир бөлүгү конокко берилет» деген кеп бар. Ошондуктан, алар кандай шартта болбосун, даамду тамактарды конокторго калтырат. Боз үйдүн сыртынан келген коноктун үнүн укса, бири-бирин тааныйбы, тааныбайбы, сыртка чыгып тосуп, кол алышып учурашып, жүгүнүп ал-абалын сурайт, кой союп, эт бышырып да конокту сыйлайт. Конокко сый көрсөтпөй узатып, айрыкча күн батканда конокту түнөтпөй кетирсе, бул кыргыздын салтына туура келбейт, орой мамиле катары каралат, кошуналардын жемелөөсүнө калат. Конокту калтырганда, ал өзүн эркин сезиш үчүн минген атын, ала келген малдарын да жакшы карайт.

Кыргыз улутунун конок тосуу адеби көп. Эркектер жолукканда, кары-жашына караба көкүрөгүнө колун коюп, кол алышып учурашат. Аялдар жолукканда ого бетер сылык болушат, бири-бирин бекем кучактап, беттен өөп учурашышат, өпкөндө үнү катуу чыгыш керек. Улуулар кичүүлөрдүн чекесинен өөп, мээримин көрсөтөт, кичүүлөр улуулардын колдорун өөп сый көрсөтүш керек. Эгер келген конок эркек болсо, үй кожойкеси да сыртка чыгып учурашат, бирок алдына баруунун кажети жок.

Конокко аттан түшкөнгө жардам бергенден кийин үй ээси коноктун колун кармап, ал-акыбалын сурап саламдашат. Ата-энеден баштап бир туугандарга чейин абалдарын сурап, күнүмдүк жашоодон баштап түшүмдүн сапатына чейин, уй, кой, жылкы жана төөлөргө чейин сурап чыгат, мындай суроонун ылдамдыгынан конок жооп бергенге да жетишпейт. Мындай учурашуу суроолорун биринчи жолуккан коноктон гана эмес, күндө жолуккан адамдан да сурайт, жолукканда да сөзсүз түрдө ал-акыбалын сураш керек. Эртең менен жолугуп учурашып, түштөн кийин дагы жолугуп калышса, ал учурда да саламдашып, дагы бир жолу ал-акыбалын сурап чыгыш керек. Негизи мындай учурашуу шарттуу мааниде суроо эмес, адамдар менен мамиле кылуунун тартибине айланган.

Жайкысын жайлоодо эл боз үйлөрдө жашашат, үй ээсинин баласы конокту үйгө киргизиш үчүн чийдикти көтөрүп ачып турат. Айыл жеринде да үй ээсинин балдары конокторго эшигин ачып же парданы көтөрүшү керек, ал коноктор үйгө кириши үчүн сый-урмат катары каралат. Конок эшиктен киргенден кийин үй ээси конокко баш кийимин чечкенге жардам берет, камчысын боз үйдүн маңдайынын сол жагына илип, андан соң конокту колун жууганга чакырат, дасторкон жайып, конок орун алгандан кийин жыпар жыттуу сүт чай, нан, боорсок, каймак, сыр, айран, кымыз ж.б. коноктун алдына коюлат. Анан кожоюн бир койду эшиктин алдына жетелеп келип, эки колун көтөрүп: «Жакшы ниетимди кабыл кыл, урматтуу коногум» деп айтып, бата тиленет. Келген конок да ордунан туруп, колун көтөрүп: «Аллах бүт үй-бүлөгө тынчтык, мал-жанга аманчылык, ар бир иш жакшы болсун, келечекте бакыт болсун» деп жооп берет. Бата ырым-жырымдарынын көптөгөн түрлөрү бар, мал сойгондо ар кайсы аймактарда ар кандай баталар айтылат. Бата тилегенде сыйынуу же даңазалоо сөздөр камтылган көбүнчө ыр түрүндө айтылат. Кээде коноктор мал сойгондун алдында «Бата» айтуу боюнча ыр сынагын да өткөрүшөт. Кой союп, конок тосуу кыргыз элинин адеби. Мындай учурларда коноктор үй ээсинин меймандостугун кубануу менен кабыл алып, ыраазычылыгын билдириши керек, баш тарта албайт, анткени бул үй ээсин нааразы кылат. Эгер коноктун кандайдыр бир маанилүү иши болуп, бир аздан кийин кетиш керек болсо, жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн ал үйгө киргенден кийин дароо үй ээсине айтыш керек. Үй ээси койду алып келген болсо, конок малды союуга болбойт, же кабыл албайм деп айта албайт, себебин гана түшүндүрүшү керек. Өз кезегинде конок мындай жылуу мамилесине ыраазы экенин, койду да кабыл алганын билдирип, азырынча койду үй ээсинин кой үйрүнө кошуп карап турушун өтүнөт, кийинки жолу келгенде кабыл аларын сыяктуу сөздөрдү айтып ыңгайсыз абалдан чыгат. Ошондон улам кыргыз чабандарынын койлорунун арасында, алыстан келген коноктордун «сактаган» койлору көп болот, кээ бир койлор карып өлсө да, анын этин жешпейт. Кожоюн көп учурда койлорду карап, жүзүн эстей албаган конокторду сагынып, кайра келишин чыдамсыздык менен күтөт.

Тирүүлөй кой союлуп, дасторконго коюлганга чейин көп убакыт талап кылынат. Коноктун жалгыз калбашы үчүн кожоюн кошуналарын да чакырат. Конокту коштогонго келгендердин арасында ырчылар, комузчулар, куудул чеберлер сөзсүз түрдө болот. Алардын коштоосунда ыр-күү, шаңдуу күлкү боз үйдүн ичине толуп, убакыт билинбей өтүп, бир аздан кийин коноктордун мурдуна койдун этинин жыты жыттанат. Кой этин жегенге чейин үй ээси конокторду колун жууганга чакырат, дасторкон кайра жайылып бышкан койдун эти тартылат. Үй ээси конокторго устукан тартканда эрежесин катуу сакташы керек. Эң сыйлуу эркек конокко койдун башы, ал эми сыйлуу аял коноккө койдун куймулчагы тартылат. Анан ирети менен отургандарга койдун этин тартыла баштайт. Конок тартылган эттин жарымын жегенден кийин, калганын үй ээсине же балдарына берет. Ардактуу конок койдун башын жегенде, койдун оң кулагын кесип, балдарга же үй ээсине бериш керек, койдун башынын оң жаагындагы этин өзү жеп же башкаларга бөлүп берет, ал эми сол жаакты үй ээсинин үй-бүлө мүчөсүнүн эң жашына берет. Эгер конок кокустан койдун башынын эки кулагын кесип алса, үй ээси капа болуп, конок меймандостугуна ыраазы болгон жок деп ойлоп, кайра кой союп коноктун мындай мамилесине жооп кылат. Албетте, мындай учурлар өтө сейрек кездешет. Сыйлуу коноктон башка конокторго улуктугуна жараша койдун жамбашы, жото жилиги, далы жана башкалары тартылат. Койдун сый устукандарынан тышкары, ар бир табакта бир нече кабырга, моюн омуркалары да болот. Койдун эти жеп бүткөндө, табактын түбүнө бир бөлүгүн калтырып, үй ээсине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиришет. Акырында бата айтылып, кол жуулуп, той бүтөт.

Кыргыздар «Жылкы деген-малдын падышасы, төө деген-малдын төрөсү» деп эсептешет. Ошондуктан, сыйлуу конок келсе, аларды коноктоо үчүн жылкы же тайлак союшат. Бул коноктоонун эң чоң сыйы болуп эсептелет. Үй ээси элдин алдына союла турган жылкын алып келип бата тиленет. Жылкы эти бышып, дасторконго коюлгандан кийин, устукан тартуу эрежеси боюнча аны конокторго  бөлүштүрүп берет. Эң сыйлуу конокко жылкынын жамбашы тартылат, ал дасторкондо отурган конокторго бир аз эт кесип берет. Башка коноктор жылкынын кабыргасы менен моюн омурткасынын этин кезеги менен алып ырахаттанышат. Коноктор сөөктөгү этти таза жешпейт, аны сыпайылык иретинде үй ээсинин балдарына эт калтырышы керек.

Койдун, жылкынын, төөнүн этиби, эт жегенден кийин үй ээси сөөктөн ажыратылган эттен кыргыз элине таандык «Нарын» тамагын жасап, конокторду сыйлайт. Бул тамакты жасоо ыкмасы – сөөктөн ажыратылган этти адегенде майда кесип туурап, ага тууралган пияз менен кесмени кошот. Кыргыздардын жылкы, төө союп конок тосуу салты Манас баатырдын доорунан бери келе жатат деп эсептешет. Манас алыстан келген коноктордун, жолдоштордун көңүлүн ачуу максатында эң семиз жылкыны, тайлакты союп коноктогон. Ошентип, бул салт сакталып калган.

Кыргыздар конок тосууда жандуу, шаан-шөкөттүүлүккө көңүл бурушат, ошондуктан коноктор үйлөрүнө келгенде кошуналары менен сүйлөшүп, уруулук тарыхты санжыраны айтышып, «Манас» эпосун жана башка кыргыз эпосторун да ырдашат. Эл ырчылары, жомокчулар, комузчулар конокторду коштоп көңүлүн ачышат, коноктор менен менен баарлашып, чогуу тамактанышат. Жайкы жайлоодо кайсыл үй-бүлөгө алыстан конок келсе, мейли ал бөтөн, же кайсы бир үй-бүлөнүн тууганы болобу, ал бардык кошуналардын коногу болот, ар бир үй-бүлө кезектешип коноктойт. Конок чакыруу алгандан кийин барбаса, анда үй ээсин сыйлабагандык болуп эсептелет.

Коноктор кетип баратканда, аттарына жем-чөп да даярдашат. Эгерде конок калгысы келсе, үй ээси конок тынч жатышы үчүн ар бир конокко атайын даярдалган жаңы төшөнчү салып берет. Коноктор эч нерсени ойлонбой тынч уктаса болот, анткени үй кожоюну алардын минген аттарына кам көрөт.

Албетте, үй ээси салттык тартиптин негизинде конокторду сый-урмат менен тосуп алат, коноктор да белгилүү бир адепти сакташы керек. Бул өз ара түшүнүшүү жана урматтоону билдирет. Мисалы, коноктор үйгө киргенден кийин эркек, аял улуу, кичүүсүнө өз кезеги келгенде орун алышы керек. Эң сыйлуу конок же аксакал төрдүн ортосуна отурушу керек, ал эми калган коноктор эки тарапка катар тизилип отурушат. Салт боюнча боз үйдүн эшигинин сол жагына эркек коноктор, оң жагына аял коноктор отурушат. Коноктор буттарын кайчылаштырып отурушу керек жана буттарын сунууга болбойт, боз үйдүн сол тарабындагы чий тосмону ачып караганга болбойт. Тамактанаардын алдында жана тамактан кийин колду жууганда, колду силкпейт, акырын кол сүлгү менен аарчыш керек. Жайылган дасторкондун үстүнөн аттап өтпөйт, эгерде сыртка убактылуу чыгыш керек болсо, дасторкондун бир четин буруп, андан кийин өтсө болот. Конок колу менен тамак-ашты тандап терип жебейт, тамакты мурун менен жыттап, башка адамдардын идиш-кашыктарына тийбеши керек. Нан жегенде аны майдалап жеш керек, бир кесиндим баарын оозго салганга болбойт.

Үчүнчү бөлүк  Тууган-туушкандын аталышы

Кыргыз элинде үй-бүлө жана сөөк түшүнүгү абдан маанилүү. Анткени эзелтеден бери эле үй-бүлө жана сөөк улут, уруу, уруучулуктун пайдубалы болгон. Кыргыздарда көбүнчө үй-бүлө башчысы болот. Үй-бүлө башчысы көбүнчө чоң ата же ата, ал бүт үй-бүлөдө үстөмдүк кылуучу абалда болуп, жогорку бийликке ээ. Жалгыз бала болсо, ал көбүнчө үй-бүлөдөн бөлүнүп өз алдынча жашабайт, көп балалуу үй-бүлө баласы чоңоюп, үйлөнгөндөн кийин кезеги менен өзүнчө бөлүнүп жашайт, ал эми кичүү уулу ата-эненин негизги мураскору болуп саналат. Үй-бүлөдө асырап алынган уул да, өз балдары сыяктуу эле мурастык укуктарды алышат. Сөөк жалпысынан бир тектеги жети муундун бир тууган жана алыскы туугандарды билдирет. Бир тууган мүчөлөрүнө негизинен баба, чоң ата, ата, бул үй-бүлөнүн баласы, небереси, чөбөрөсү кирет. Алыс туугандарга негизинен баба, чоң ата, атанын бир тууган байке-иниси, эже-карындашы, өзгөчө ава, чоң эне, тага ж.б.у.с. Апа тараптагы туугандар тай ата, тай эне, тай эже, тайке, тай жеңе жана алардын байке-иниси, эже-сиңдиси, карындашы өңдүү жакындары да кирет, бирок кандаш мамиле негизинен нике салтында байкалат.

Кыргыздардын тууган-туушкандык байланыштарынын тизмеси[1]

Тууганчылык байланышы Кытайча аталышы Кыргызча аталышы Эскертүү
Атанын атасы 祖父(爷爷)

(zǔfù) (yéyé)

Чоң ата атабабаларды билдирет
Атанын энеси 祖母(奶奶)

(zǔmǔ) (nǎinai)

Чоң эне
Эненин атасы 外祖父(外公、姥爷)

(wàizǔfù) (wàigōng, lǎoyé)

Тай ата
Эненин апасы 外祖母(外婆、姥姥)

(wàizǔmǔ) (wàipó, lǎolao)

Тай эне
Ата 父亲(fùqīn) Ата улууларды билдирет
Апа 母亲(mǔqīn) Апа, эне
Күйөөнүн атасы 公公(gōnggōng) Кайын ата
Күйөөнүн апасы 婆婆(pópo) Кайын эне
Аялынын атасы 岳父(yuèfù) Кайын ата
Аялынын апасы 岳母(yuèmǔ) Кайын эне
Атанын агасы 伯父(bófù) Ава, байке

(аке)

Атанын иниси 叔父(shúfù) Ава, байке (аке)
Атанын эжеси 姑妈(gūmā) Эже
Атанын агасынын аялы 婶母(shěnmǔ) Жеңе
Атанын эжесинин күйөөсү 姑父(gūfu) Жезде
Апанын агасы 舅父(jiùfù) Тайке, тага
Апанын эжеси 姨姨、姨妈 (yí yí, yímā) Тай эже
Апанын агасынын аялы 舅妈 (jiùmā) Тай жеңе
Апанын эжесинин күйөөсү 姨父 (yífu) Тай жезде
Күйөө 丈夫(zhàngfū) Күйөө
Аял 妻子(qīzi) Колуктуу
Уул 儿 (er) Уул
Уулунун аялы 儿媳 (Érxí) Келин
Кыз 女 (Nǚ) Кыз
Кызынын күйөөсү 女婿 (Nǚxù) Күйөө бала
Байке 兄(xiōng) Ага, аке
Ини 弟 (dì) Ини
Эже 姐(jiě) Эже
Байкенин карындашы 妹(mèi) Карындаш
Эженин сиңдиси 妹 (mèi) Сиңди
Аталары бир туугандар 堂兄弟、堂姐妹

(táng xiōngdì, táng jiěmèi)

Ага, ини, эже, сиңди
Энелери бир туугандар 表兄弟、表姐妹

(biǎo xiōngdì, biǎo jiěmèi)

Бөлө
Бир туугандардын  аялдарынын ортосунда 妯娌

(zhóu lǐ)

Абысын
Эже-сиңди күйөөлөрдүн ортосунда 连襟

(liánjīn)

Бажа

Кыргыздардын тууган-туушкандык байланыштардын бир нече өзгөчөлүктөрү бар: Биринчи, урпактары эне тараптагы туугандарын аталышынын алдына «Тай» кошулат, мисалы ата, эне, аке, эже сөздөрдүн алдына «тай» кошулуп тай ата, тай эне, тайке, тай эже ж.б. Экинчиси, күйөө тараптын жакындары менен аялынын туугандарынын аталышы бирдей. Эгерде эки тарап бирибиринин жакындарына кайрылса, алар ата, эне, ага, эже, сиңди сөздөрдүн алдына «кайын» кошулса кайын ата, кайын апа, кайын аке, кайын ини, кайын жеңе, кайын сиңди ж.б. Үчүнчүсү, ага, эже, тайке, тай эже бир туугандардын  аталыштарына «бөлө» дегенди кошуу менен түзүлөт. Кыргыз тилиндеги «бөлө»-«бөл», «бөлүү» жана башка маанилерди билдирет, башкача айтканда, ага, эже, тайке, тай эже бир туугандар «бөлүнгөн бир туугандар» дегенди билдирет.

[1] Дун Сютуань, Вань Сюэюй. «Кытайдын этникалык кыштакты изилдөө жыйнагы: «Кыргыз улуту: Шинжаң Курук кыштагы үй тобун изилдөө», Юньнань университети басмасы, 2004, 206207-б.

Төртүнчү бөлүк.

 Бала жарык дүйнөгө келгенде жасалган жөрөлгөлөр

Кыргыздын жөрөлгөлөрү жашоосунун ар бир бөлүгүндө аткарылат. Адам жарык дүйнөгө келгенде жасалган ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр жашоонун башталышынын белгиси, наристенин биологиялык мааниден социологиялык маанидеги адамга айланышынын белгиси. Жөрөлгөлөр наристе жарык дүйнөгө келгенден кийинки бир катар куттуктоо майрамдарды гана билдирбестен, бала төрөлгөнгө чейинки жана андан кийинки кээ бир жөрөлгөлөрдү да камтыйт. Демек, бул жагынан алганда, кыргыз элинин мындай жөрөлгөсү балалуу болуу үчүн сыйынууну, кош бойлуу кездеги кааданы, баланын төрөлүшүн майрамдоону камтыган узак мөөнөттүү үзгүлтүксүз жүрүш.

Балалуу болуу чоң кубанычты алып келет. Салт боюнча үч айына чейин кайын журттун улууларына кош бойлуу экенин айтпайт, алты айдан кийин кош бойлуу аял эркекаял улуулардын алдынан өтө албайт. Жети ай болгондо кош бойлуу аял кайын журтунун уктоочу бөлмөсүнө кирбейт жана күйөөсү менен бир төшөктө жатпайт. Бала төрөлгөнгө чейин анын эркек же кыз экенин эч ким сурабайт. Төрөт учурунда эч ким, анын ичинде күйөөсү да төрөт бөлмөсүнө кирүүгө болбойт, башка адамдарга төрөт убактысы айтылбайт.

Кыргыздарда аялдар төрөө мезгили келгенде, балалуу болоору менен куттуктап чоң салтанаттар өткөрүлөт. Төрөткө негизинен улгайган аялдар катышат, аларды көбүнчө тажрыйбалуу жана бакубат аялдар же толук кандуу доктурлар төрөттү кабыл алат. Бала төрөлгөндөн кийин төрөттү кабыл алган адам киндигин кесип, жуугандан кийин кызыл чүпүрөккө ороп, эшиктин сыртында күтүп турган эркектерге кабар берет. Ымыркайдын чоң атасы же атасы кошуналарына, тууган-туушкандарына, досторуна сүйүнчүлөш үчүн бир жигитти атка мингизип жиберип, эшикке кызыл кездемедени илишет, эркектер каалагандай кирип чыга албайт. Кээ бир аймактарда бала төрөлгөндөн кийин үйдүн чатырынан үч жолу ок атышкан же үч жолу кыйкырышкан. Кабарды уккан адамдар кийим-кече, баш кийим, жасалгалар, эт, сүт азыктары жана башка азык-түлүктөрүн алып куттуктап келишет, балалуу болгон үй-бүлө кой союп, конокторду тосушат. Коноктордун арасында улгайган байбиче өкүл катары, бир сүт идиштен бир кашык сүт алып экинчисине куюп, баланын ден соолукта болуп чың өсүшүн тилейт. Кээ бир аймактарда кош бойлуу аял төрөп жатканда жин-шайтандарды тосуу жана баланы коргоо үчүн эшиктин сыртына бүркүт байлап коюшат. Бул каада-салт кээ бир малчылык аймактарда дагы деле бар.

Кыргыз элинин байыркы салты боюнча эркек бала төрөлсө, эшиктин сыртына жаа менен жебени илип, эркек бала төрөлгөнүн билдирип, келечекте кайраттуу жоокер болушун тилек кылышкан. Эгер кыз төрөлсө, кызыл кездеменин тилкелеринен учкан куштун көчөтүн жасашкан, ага куштун канатын сайышкан, анын мааниси кыз чоңойгондон кийин жакшы жерге учуп барып, бактылуу үй-бүлө курууну билдирген. Эгер кимдир бирөө жаңы төрөлгөн наристенин уул же кыз экенин билгиси келсе, түз сураганга болбойт, «бөрүбү же түлкүбү?» деп сураш керек, бөрү эркек баланы, түлкү кызды билдирет. Бала төрөлгөндөн кийин жети күндүн ичинде ат коюу жөрөлгөсү аткарылат, балага 40 күн болгондо бешикке салуу аземи болот, бала бир жашка чыкканда тушоо кесүү өткөрүлөт, эркек баланы беш же жети жашкан чыкканда сүннөткө отургузушат. Кыздар кулагын көсөө жөрөлгөсүн жасайт. Кыргыздарда бешик той же жентек той өткөрүлөт, негизинен бала төрөлгөндөн кийин жетинчи же тогузунчу күнү өткөрүлөт. Ат коюу жөрөлгөсү сыяктуу эле бешикке салуу учурада кой союлуп, конокторго сый көрсөтүлөт. Бирок бул салтанатка көбүнчө аялдар катышат. Салтанат улгайган аялдын баланын бешикке бөлөнүшүнө бата берүүсү менен башталат. Чоң энеси же апасы наристени жуунтуп, жаңы кийимдерди кийгизип, коноктордун алдына баланы көтөрүп турат, андан кийин улгайган аял баланы бешикке салып, баланын жаздыгынын астына бычак жана ыйык жазуу көчүрмөсүн салат, ал каардуу жиндерден сактануу үчүн колдонулат. Мындай жол менен бала коркпой, тынч уктайт деп ойлошот. Баланы бешике салаардан мурун койдун кош томпоюн, балта, бычакты жана башка буюмдарды бешиктин ичине бир азга салышат. Баланын ден соолугу чың болуп, келечекте темирдей бекем, балтадай курч адам болушун тилешет. Койдун томпоюн салуу менен баланын койдой боорукер болушун тилек кылышат. Баланы бешикке салгандан кийин ыйлаш үчүн анын мурдун чымчыш керек. Эл бешикте ыйлаган балдар чынчыл, жөнөкөй, күчтүү, эр жүрөк болуп чоңоёт деп ойлошот. Кыз бала болсо бешикке ийне менен жип салынат. Бир ай болгондо достор жана кошуна аялдар гана чакырылат. Азем башталганда баланын чоң энеси же тай энеси суу куюлган идишке билерик же шакек салып, баланы сууга салып жуунтушат. Аземге чакырылган ар бир аял кезектешип кичинекей жыгач кашык менен баланын үстүнө бир кашыктан суу куюшат, жалпысынан 40 кашык суу. Ымыркайды жуунткандан кийин, ороого оролгон баланы күйүп турган 40 шамдын үстүнөн 40 жолу айлантышат. Андан кийин, эшиктин кашегинде илинип турган кызыл кездемени алып, балага 40 жамаачы менен тигилген кийимди кийгизет.

Илгери кыргыздар балага бир ай толгондо, боз үйдүн сыртына 40 от жагып, 40 жаш аялдар жаа менен 40 отту атышкан, эне баласын кучактап алып оттун үстүнөн секирген. Ошондой эле энелер балдарын кармап, 40 жоолукту тиштери менен чечкен сыяктуу түрдүү оюндар болгон. Бул адаттар алардын түпкү шамандык ишенимдеринен келип чыккан болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө алыскы тоолуу аймактарда жашаган кээ бир кыргыздар дагы эле жебе же мылтык атуу адатын сактап келишет.

Байыркы убакта наристе бир жашкан толгондо абдан чоң салтанат өткөрүшкөн. Салтанатта боз үйдүн тегерегине 12 от жагылып, ар бир оттко жоокер кийимин, баш кийимин кийгизишкен, аны жаа-жебе кармаган 12 бала кайтарып турган. Салтанат башталганда кичинекей жоокерлер бир эле учурда ар тараптан отко карай жаа атышкан. Анан беш жашка чейинки балдарды аталары кармап, беш жаштан жогорку балдар өз алдынча оттон секирип өтүшкөн. Боз үйдүн айланасындагы шалбаада 12 калың жүн аркан тосмолор орнотулган, андан балдар бирден секирип өтүшкөн. Мындан тышкары, боз үйдүн туурдугуна Кой, Букачар, Эгиздер, Суу чаян, Арстан, Бийкеч, Тараза, Чаян, Жаачы, Текечер, Суу куйгуч, Балык сыяктуу 12 топ жылдыздын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Балдарга алардын тартибин жана аттарын жаттап калышына көмөк болгон. Бул аземде үй ээси жегенге жарактуу 12 түрдүү малды союп, келген конокторго жылуу маанай тартуулап, бир жашка чыккан балага эттин ар бир түрүн даамын татканга беришкен. Бүгүнкү күндө кээ бир кыргыз аймактарында 12 түрдөгү жаныбарларды союу адаты, ошондой эле бала бир жашка чыкканда аркан тосмодон секирип өтүү да сакталып калган.

Азыркы учурда бала бир жашка толгондо салтанат өткөрүлөт, ага катышууга 12 бала чакырылат. Кожоюну кой союп, же жылкы союп конокторду тосот. Салтанаттын башында сыйлуу коноктор үчүн тамак дасторконго коюлуп, коноктор орун алгандан кийин дасторкондун ортосуна шам жагып, бир жаштагы бала аны үйлөйт, андан соң 12 кашык сүт ичирет, бул бала төрөлгөндөн кийин 12 ай өткөнүн билгизет. Тамактануу учурунда 12 кичинекей коноктун ар бири бирден курут жана өздөрү алып келген белеги менен бирге бир жаштагы балага беришет. Салтанатка катышкан улуулар табактагы эттен 12 даана кесип, аны бир жашка чыккан балага беришет. Этти кесип жатканда жалпысынан койдун кулагынан 2, көз жагынан 2, 4 буттун ар биринен 2 кесимден кесишет. Коноктор эттин куйрук майын, башын жана башка бөлүктөрүн бөлүшкөндө, ар бир жеринен бир жаштагы балага жегенге бир аз эт калтырыш керек, ушинтип бала ден соолукта болуп, ооруп-сыркоолобой бой жетишин каалашат.

Бешинчи бөлүк. Ысым берүү каадасы

Балага ысым берүү өтө олуттуу жана маанилүү. Бала төрөлгөндөн үч күндөн кийин ата-эне уй, кой союп, бүт айылды чакырып коноктойт, кадырлуу аксакалды же баланын тай атасын чакырышып, балага ысым ыйгаруусун суранышат. Кыргыз элинде балдарына ат коюунун жолдору көп, ысымдар да көп мааниге ээ, негизинен балдарга маңыздуу жана ылайыктуу келген көптөгөн ысымдар алдын ала тандалып алынат. Байыркы убактарда ат коюу аземинде болот менен оттук таштарды чаап, алдын ала тандалган ысымдар айтылган. Эгер кандайдыр бир ысым аталып жатканда от күйсө, анда ошол ысымды балага ыйгарышкан. Азыр молдону же тай атасын, чоң атасын, тайкесинин чакырышып ат коюу адатка айланган. Ат коюу аземинде балага ат койгон карыя алгач баланын оң жана сол кулагына азан айтып, анан ат коюлат. Ымыркайдын атын эл алдында жарыялайт. Чогулган эл жаңы төрөлгөн баланын ысымын макташып тилектерин айтышат. Балага ат тандоонун үч жолу бар: Биринчиси, тарыхта ата-бабалардын, баатырлардын ысымдарын тандап алуу же коноктордун арасында кадыр-барктуу инсандардын же жүзгө чыккан адамдардын ысымдарын берүү; Экинчиси, туулган жердин, күндүн, айдын, жылдыздардын жана гүлдөрдүн аттарын берүү; Үчүнчүсү, түздөн-түз «Курандан «ислам олуяларынын же алардын урпактарынын ысымдарын берүү. Балага тарыхый баатырдын же көрүнүктүү ата-бабанын ысымын берсе, келечек муундарды ата-бабаларынын жакшы сапаттарын үйрөнүүгө, чыгаан инсан болууга шыктандырат деген ишеним бар. Табияттагы нерселер жаратылышка болгон сүйүү жана суктануу сезимин билдирүү үчүн ысым катары берилет. Курандан ысым тандап алуу адамдын диний сезимин билдирет.

Кыргыздар көчмөн турмуштан улам тоолордун, жаныбарлардын, гүлдөрдүн, дарыялардын же жаратылыш кубулуштарынын атынан да аталган. Мисалы, Бороонбай, Айгүл, Анвар, Арстан, Суучубай, Атанбай, Аскар, Карыбай, Ормон, Анаргүл ж.б. Боюнан түшүп калган аялдар, бала сакталып калышын тилек кылып, балага Токтобай, Турсун, Турсунгүл, Бурул сыяктуу ысымдарды беришкен. Бул ысымдардын маанилери кал жана токтоо дегенди билдирет. Мындан тышкары, адамдар жаман сөздөрдүн балдарга зыянын тийбеш үчүн Каракул, Тилемчи деген ысымдарды да беришкен. Кыргыздарда асманга, жылдыздарга байланыштуу аттарды коюу адаты бар, мисалы: Жылдыз, Чолпон ж.б. Төрөлгөн ымыркай жалгыз бала болсо, жаман сөздүн зыянынан сактануу үчүн кулактын көнчөгүнө сөйкө тагышып, кызга окшоштуруп кийинтишкен, же башка бирөөлөр кийген кийимдерди кийгизип турушкан. Ислам динин тутунган кыргыздарда көптөгөн ыйык китептен же олуялардын, даанышмандардын ысымдарын беришкен. Мисалы, «Мухаммед» ж.б.у.с.

Кыргыз элинин аттары улуттун салттуу маданий өзгөчөлүктөрүн жана ишенимдерин гана чагылдырбастан, доордук сезимди да камтыйт. Кыргыздар эзелтеден баатырларга табынышкан, ошондуктан эркек баланын атына «Баатыр» сөзүн кошушкан. Кыз тоонун гүлүндөй сулуу болсун деген ниетте кыздын атына «гүл» деп кошумчалашкан. Мындай ысымдар улуттун аң-сезимин жана маданиятын чагылдырат. Ошондой эле ысымга «Бек», «Бай» деген сөздөрдү да көп кошушат. Жаңы Кытай түзүлгөндөн кийин ысымга «Азат», «Ыңкылап», «Маданият» сыяктуу сөздөр кошулган, бул ысымдар замандын өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.

Ымыркайдын аты коюлгандан кийин той өткөрүлөт. Байыркы учурда кыргыздар жайыт жерлерде уй, койдун этинен тышкары, сүт азыктары, мөмө-жемиштер, момпойсулар дасторконго коюлган. Андан башка өзгөчө даамдуулар да жасалган, мисалы курманын данегин тазалап, буудай, арпаны кууруп, аны тарттырат, бышкан уй, койдун этин майдалап туурап, май жана каймакты кошуп баарын аралаштыргандан кийин даяр болот, ал «Жентек талкан» деп аталат. Анын баланын оозуна бир аз сүртүп же жегизет, андан кийин конокторго берилет. Ушул сыяктуу тамак-аштар бак-дарактардын мөмөлөрү, эгиндер, малдын этти да кошулуп жасалат. Мындай тамак-аштын даамын татып көргөн балдар тамак-ашка, кийим-кечеге кам санабай чоңоюшат, баарын ээ болуп, ден соолугу чың, бакубат инсан болот деп ишенишет. Эл ушундай тамакты жегенде, үй ээсине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришип, балага жакшы каалоо-тилектерин айтышып бата беришет.

Тамак ичип бүткөндөн кийин, куттуктоолор айтылып, коноктор ымыркайга болгон сүйүүсүн көрсөтүү үчүн бетинен же чекесинен өөп, ошол эле учурда жакшы сөздөрдү, калоо-тилектери айтышат.

Кыргыздардын көбүнчө аты бар, фамилиясы жок болот. Фамилиясы адатта берилген ысымдан жана атасынын атынан турат. Мисалы, Нурбек Сыдык, «Нурбек» – өз аты, «Сыдык» – атасынын аты. Ал эми анын укум-тукумунун ысымдарынан кийин «Нурбек» фамилия катары кетет, мисалы, Жусуп Нурбек, Айгүл Нурбек ж.б.у.с. Хэйлунжаң провинциясынын Фуюй (Фуйү) оодандагы Уцзяцзы айылында жашаган кыргыздар кытай улуту менен аралашып жашагандыктан фамилияга ээ болушкан, жалпы алты фамилия бар: Ву (Дабын), Чан (Ичеги), Хан (Габохан), Цай (Сайын), Лан (Белдир), Си (Кыркыс). Булардын арасында Ву фамилиясы эң кеңири тараган. Мындай фамилия кыргыздар Нэньцзян түздүгүнө көчүп келгенден кийин пайда болгон.

Алтынчы бөлүк. Үйлөнүү үлпөт салты

Коомдук турмуштун өнүгүшү менен кыргыз улутунун үйлөнүү үлпөт өзгөрүлгөн, байыркы түрүнөн акырындап жаңы түргө өткөн. Кыргыздар эзелтеден бери улуттан тышкаркы никеге куруп, жети муундун ичинде никеге турууга тыюу салынган. Байыркы кыргыздарда бел куда жана бешик куда, ала качуу салттары болгон. Азыркы кыргыздар негизинен эркин сүйүү же ата-энелери тандаганы менен баш кошушат. Үйлөнүүнүн жүрүшү бир аз татаал, негизинен жучуу түшүү, кудаалашуу, жүз көрүшүү, үйлөнүү үлпөттүн күнүн бекитүү, отко киргизүү, төркүлөө ж.б. Үйлөнүү той: тамак-аш даярдоо, койду бүтүн бышыруу, үйлөнүү той күнү мал союу, келинди тосуп баруу, калың берүү, колуктуну тосуп алуу, түндүк көтөрүү, күйөө-колуктунун жүз көрүшүүсү, калың берүү, сеп алуу, күйөө-колуктунун башын койдун ысык өпкөсү менен чабуу, нике окуу, күйөө-колуктунун уктоочу бөлмөгө кириши, колуктунун чачын өрүү, колукту менен коштошуу ж.б.

20-кылымдын 50-жылдарына чейин кыргыздарда турмуш куруунун жашы эрте болгон, кыздар негизинен 12 жаштан 15 жашка чейин турмушка чыгышкан. Бул жаштан ашып калса эл арасында сөзгө калган. Бир туугандар жашы боюнча үйлөнүшкөн, кадимки шарттарда улуу байке же эжелери турмуш курмайынча кичүүлөр биринчи үйлөнө алышкан эмес. Калың негизинен мал менен эсептелип берилген, кээ бир колунда бар үй-бүлөлөр 9 баш ар түрдүү малды кошуп беришкен. Калыңдын мындай айкалышы «Тогуз кара» деп аталган. Тогуз кара тобунда бир төө, төрт жылкы, төрт уй же ушул баадагы кой болгон. Албетте, мындай калыңды байлар гана көтөрө алышкан. Үйлөнүү үлпөтү негизинен ата-эне же уруу башчысы өткөргөн. Кудалашуунун төрт түрү бар: Бел куда, бешик куда, бала куда, кайчы куда. Бел куда-эки тараптын аялдары кош бойлуу болгондон кийин ата-энелердин бала төрөлө электе эле кудалашуусу, бир тарап уул , экинчи тарап кыз төрөсө, анда куда келишими жарактуу болот. Эгерде эки тараптын балдарынын жынысы бирдей болсо же алардын бири чарчап калса, анда кудалашуусу бузулат. Кудалашууну эч себепсиз жокко чыгарса, жазага тартылып айыптоого туш болот. Бешик куда ата-энелердин наристе кезиндеги кудалашуусу. Бала куда-эки тараптын балдары жети жашка чыкканда кудалашуусу. Кайчы куда-бири-биринен кыз алышып, кыз беришүү болуп эсептелет. Албетте, мындай кудалашуу салты 1950-жылдан кийин акырындык менен жоюлган. Азыркы учурда жаштар өз каалоосу менен турмуш курушат, тарыхтагы малды калың катары берүү салты акча, баалулуктар менен алмашкан. Кээ бир учурларда малды калың катары беришет.

Жуучу түшүү – эгер эркек бир кызды жактырып калса же эки жаш таанышып мамиле курушса, эркек тарап жакын адамдарынын арасынан 3-4 сөзгө чечен келген адамдарды тандап, кыздын үйүнө жуучу түшкөнгө жиберет, алар керектүү белектерин алып барышат. Кыздын үй-бүлөсү абалына жараша кой союп коноктойт, алардын үйлөнүшүнө макул болушат. Эркек менен кыз өз каалоосу менен сүйлөшкөндүктөн, эркектин үй-бүлөсү жалпысынан канааттандырарлык жооп алат. Жооп алгандан кийин, эркектин үй-бүлөсү үйлөнүүгө даярдык көрө баштайт. Үйлөнүүгө эки жак макул болгондон кийин эркек тарап мал союп (бир-эки кой), этин бышырып, кыздын ата-энесине кездеме же даяр кийим-кече, кызга атайын сөйкө, билерик, браслет ж.б. алтын-күмүш жасалгаларды жана башка белектерди алып куда түшүшөт. Алар жеңенин же турмушка чыккан эжесинин коштоосунда колуктуну көргөнү барышат. Кыз болочок кайын журтун көргөндө, ал да тайманбай жүгүнүшү керек. Эркектин апасы менен жеңелери кыздын чекесинен өөп, кызды мактаган сөздөрдү айтышып, алып келген зер буюмдарды кызга тагышат. Кыз сөйкө, билерик жана башкаларды тагынса, бул анын турмушка чыгаарын билдирет. Кудалашуу аземине катышкандардын саны жалпысынан 4-5 киши болот, андан бир канча убакыт өткөндөн кийин болочок күйөө жакындарынын жана досторунун коштоосунда колуктунун үйүнө белек-бечкек алып, колуктусу менен жүз көрүшүү аземи өтөт. Байыркы учурда бул жөрөлгө негизинен бири-бирин тааныбаган эки адамдын жолугуусуна шарт түзүлсө, ал эми азыркы мезгилде кыздын оюн дагы бир жолу суроо болуп саналат. Бул жолугушуу аземинде жигит кызга сезимдерин билдирүү үчүн алтын шакек да берсе болот. Жөрөлгөдөн кийин күйөө болочок кайын атасынын үйүнө ээн-эркин кирип-чыгып, үй жумуштарына жардам жасай алат.

Үйлөнүүгө чейинки жөрөлгөлөрдөн кийин кыз тарап сеп камдай баштайт. Кыздын себи көбүнчө туш кийиз, шырдак, бир нече төшөк-жууркан, жаздык жана башка тиричилик буюмдары, негизинен кыз өзү сайма сайып жасайт. Кыздын ата-энеси дагы кызына жаңы той көйнөгүн жана ат жабдыктарын даярдашат. Ат жабдыктарына көбүнчө ээр, үзөңгү, саймалуу жабуу, килемчелер, көрпөлөр жана башкалар кирет. Турмушка чыга турган кыз көбүнчө эч жакка көрүнбөгөнгө аракет кылат, үйүндө шериктери, жеңелери менен сеп даярдайт. Эгер бул маалда алар отурган бөлмөгө кокусунан кызыккан бир эркек кирип келсе, аны кыз-келиндер «колго түшүрүшөт». Анда ал кой союп кыз-келиндерди коноктоп жана башка жаштарды да конокко чакырат. Муну нике салтындагы кызыктуу окуя катары кароого болот.

Кыздын себи даяр болуп, ага жараша эркек тарап даярдык көргөндөн кийин эки тарап үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү үчүн жакшы күндү белгилешет. Кудалашууга эркектин, кыздын достору жана туугандары чакырылат. Эркек кыз тарапка чакчак, момпосуй, тамак-аш жана бышырылган кой этин даярдап барат. Чакчак жасап жатканда, жигит тараптан байбиче калоо-тилектерди айтып биринчи болуп ооз тийет, бала келечекте үй-бүлөсү менен бактылуу болсун деп бата берет. Эркектин ата-энеси койду бышырып жатканда бата тилешет. Катышууга чакырылган коноктор акча же мал беришет. Кыздын жакындары да кездеме, кийим-кече, төшөнчү же акча алып келишет. Кыздын үйбүлөсүнүн эркек тарапка берген белектери тогуз бөлүктөн турат. Бул кыргыздардын тогуз санын ыйык тутканын билдирет. Андан кийин эркектин үй-бүлөсү чакчак, бышырылган кой, момпосуй, кургатылган жемиш жана башка тамак-аштарды куржунга салып бекитип, ак кебез менен аттын жонуна байлайт, аттын чекесине да ак кебез байланат, белек менен кошо кыздын үйүнө жөнөтөт. Ак кебез байлоо – тойдун жакшы өтүшүн, кыз-жигиттин чогуу карышын тилек кылганы. Жигит кыздын үйүнө барар алдында атайын бир куржун даярдайт, ал «Жан баштык» деп аталат, ага жогорку сапаттагы тамак-аш, негизинен бышкан козу, момпосуй, кургатылган жемиштер ж.б. салынат, куржундун оозун ачууга оңой болбогондой кылып байланат. Кыздын үйүнө келгенде жеңелер конокторду тосуп чыкканда, бул жан баштыкты ачышат.

Кудалашуу аземине катышкан эркек тараптын коноктору кыздын үйүнө келгенде, анын үй-бүлөсү аларды тосуп алып, аттан түшүүгө жардам берип, аттарын байлап, конокторду үйгө киргизип отургузат. Кээ бир кыргыз аймактарында коноктор үйгө киргенче, алардын үстүнө, артына ун себелешет, ал куттуктоону билдирет, ак түс тазалыктын, берекенин белгиси. Кыргыздар үйлөнүүнү көбүнчө аруу, чоң кубаныч, бакыт жана ак ниеттик иш деп эсептешет. Ошондуктан, коноктор бакыттын белгиси менен босогону аттап, төрдөн орун алышат. Күйөө жана жолдош балдары ээрчип түз эле айылга барбайт, алыс эмес жерде жеңелердин тосуп чыгышын күтүшөт. Алар келгенде жүгүнүшүп учурашат, андан кийин алар менен чогуу атайын даярдалган бөлмөгө киришет.

Эркек тарап белектерин жана калың берет. Андан кийин кыз тарап конокторду коноктойт, бул убакта жаштардын оюн-зоогу башталат, кыз менен жигит да жүз көрүшүү бийин бийлешет.

Бул азем өз ара түшүнүшүүнү жана достукту тереңдетүү үчүн абдан маанилүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөтүнүн алдын ала көрүнүшү деп айтууга болот. Бул чакан үйлөнүү аземи болуп саналат. Чыныгы той эки тараптын аксакалдары жакшы күндү макулдашкандан кийин өтөт.

Жакшы күндү тандашкандан кийин үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшөт, ага бардык туугандарды, досторду, кошуналарды чакырышат. Негизинен үйлөнүү күнү кайсы бир айдын тогузунчу күнү тандалган. Кыргыздардын үйлөнүү үлпөттөрү абдан чоң салтанат, ал үч күнгө созулат. Үйлөнүү үлпөтүнүн тартиби негизинен кудалашуу аземине окшош, аны өткөрөр алдында кыз-жигиттин үй-бүлөлөрү мал союп, бардык тууган-уруктарын, досторун чакырып үйлөнүү үлпөтүн талкуулашат, ортодон канча акча чыгарышарын да сүйлөшүшөт, той алып баруучуну жана куда башын тандашат. Андан соң эркектин үй-бүлөсү тойго керектүү тамак-ашты кыздын үйүнө алып келет. Эркек тараптын келинди тосуп алуу тобу бардык керектүү тамактарды алып, кыздын үйүнө келишет. Алар келишкенден кийин кыз тарап аларга аттан түшүрүүгө жардам берип, аттарына кам көрүшөт. Коноктор кыздын туугандарынын үйлөрүнө бөлүнүп коноктолот.

Колуктунун кайын энеси анын башындагы жоолукту көтөрүп, маңдайынан өөп бата берет, андан кийин үйлөнүү той башталат. Биринчи салттуу «Түндүк көтөрүү» аземи болот. Түндүк көтөрүү- колуктунун акеси, тайкеси же тагасы ар кандай момпосуй, кургатылган жемиш ж.б. ак кездемеге салышып, аны узун жыгач таяк менен боз үйдүн түндүгүнө карай ыргытат, сыртта күтүп турган адамдар аны талашышат, оромону жулуп алган адам бактылуу деп эсептелет. Бардык жөрөлгөлөр ийгиликтүү аяктап, тойдун оюн-зоок иш-чаралары белгиленген тартипте өтө баштайт. Той шаңдуу жана кубанычтуу маанайда өтөт. Комузчулар, акындар, дастанчылар кымыз ичип, өнөрлөрүн көрсөтүшүп, дастандарды айтышып, акын айтышын уюштуруп тойго шаң тартуулашат. Экинчи күнү ат чабыш, улак тартыш, оодарыш, чабыш, тыйын эңмей сыяктуу элдик оюндардын түрлөрү өткөрүлөт.

Түн кирип, жылдыздар жаркылдап, эл кубанычка батып турганда күйөө-колукту байыркы «Сада» жөрөлгөсүн өткөрүп, жаңы үйлөнгөндөрдүн башын эчкинин ысык өпкөсү менен чаап бата беришет. «Эчкинин ысык өпкөсү менен чабуу» – алдын ала даярдалган эчкини союп, ысык өпкөсүн алып, күйөө-колуктун башына ак кездеме жабылат, анын сыртынан чаап, ырымдарды окушуп, бата беришет, жин-шайтандан сактоо айтымдары да айтылат. Бул жөрөлгө чындыгында байыркы шаман маданиятынын калдыктары болуп саналат, эчкинин ысык өпкөсү менен чаап жатканда жин-шайтан айтымдары, бата сөздөр айтылып, эки жаштын үйлөнүү тоюна келген күбөлөрдөн тышкары, асман, асмандагы жылдыздар, жер эне, кызыл ысык кан да күбө болуп жатканын көрсөтөт. Ошондуктан бул жөрөлгө күн батып, асманда алгачкы жылдыздар пайда болгондо өткөрүлөт. Бул жөрөлгө байыркы элдик ишенимдерден келип чыккан жана өзгөчө мааниге ээ. Эчкинин өпкөсү менен чапкандан кийин жаңы үйлөнгөн жубайлар тез ылдамдык менен ар кайсы бөлмөгө чуркап киришет. Бул «таттуу жарыш» болочок үй-бүлөдөгү үстөмдүк үчүн жарыш болот деп айтылат. Ким биринчи бөлмөгө чуркап кирсе, үйлөнгөндөн кийин үй-бүлөлүк жашоонун баарын ошол көзөмөлдөйт. Албетте, күйөө менен колукту бири-бирине урмат-сый, теңдик көрсөтүү үчүн кам көрүшөт. Сада жөрөлгөсү бүткөндөн кийин жаштар күйөө менен колукту отурган бөлмөгө чогулуп, куттуктоо аземин өткөрүшөт. Жаштар ырдап, бийлешип көңүл ачышат, адамдардын көзүнө көрүнбөш үчүн күйөөколукту жолдоштору жана курбуларынын коштоосунда кызыл жибек көшөгөнүн ичинде отурушат.

Бул убакта «чөнтөк оодаруу» аземи өткөрүлөт. Күйөө жана анын жолдоштору алдын-ала чөнтөктөрүнө бир аз акча же башка белектерди салышат. Белекти алгандан кийин ыраазы болгон жеңе жаштардын жолугушуу бийин жетектеп, ырдап, шарап ичип майрамды жогорку маанайга көтөрөт. Оюнду башкарган жеңе жоолук эшилип токмок жасалган токмокту кармап, куттуктоо ырлары менен күйөө-колуктуну куттуктап, бактылуу үй-бүлө куруусун тилеп, ал токмокту отурган элге салып, ырдап-бийлеп тойду шаңга бөлөгөнгө чакырат. Бул оюн кыргыз тилинде «токмок салды» деп аталып, өзүнүн толук эрежелери бар. Токмок салышта алгач оюндун алып баруучусу болгон жеңеси ырдап, андан кийин аны күйөө-колуктунун бут жагына салып, жар көрүшүү бийине чакырат. Жеңенин ыры:

Отуз келин, отуз кыз, Оюн баштап калыпбыз.

Куттуу болсун ойнубуз,

Кут маарек болсун тоюңуз.

Үлгүлүү жуп болуңуз. Айып көрбөй, кыз-күйөө, Жар көрүшүп көрүңүз…

Жеңенин чын дили менен чакыруусу күйөө-колукту көшөгөдөн чыгып, кол кармашып, бетме-бет жар көрүшүү бийин бийлешет. Бул жар көрүшүү бийи заманбап бал бийине окшош. Кыз жигит кол кармашып, алгач оңго, андан кийин солго бурулуп айланышат, солдон оңго дагы айланышып, кыймылдар кайталанат. Колукту менен күйөө жүз көрүшкөндөн кийин жеңеси белгилүү бир обонго жамактап ырдап, башкаларды бийге чакырат. Токмок салынган адам алдыга чыгып ырдап, отурган кыздарды же жигиттерди да бийге чакырып, токмокту кийинки адамга салышат. Бүт оюн-зоок түн ортосуна чейин уланат, бири-бирин тааныбаган көптөгөн кыз жигиттер да ушундай учурларда жактырган адамына сүйүү ырын ырдап сезимин билдиришкен. Бул өз талантын көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Жаш улан-кыздар бири-бирине таасирдүү ырларды жамактап ырдашат, кээде шылдыңдоо сөздөрү камтылган тамашалуу ырлар да ырдалат, тойго шаңдуу маанай тартуулашат.

Кечинде же эртеси эртең менен жолдош-курбулардын коштоосунда, Ислам дининин талабына ылайык молдо чакырылып нике кыйуу дубасы окулат. Биринчи молдо «Курандан» бир бөлүк окуйт, андан кийин күйөө-колуктудан: «Нике, нике, мен күбөмүн, таза сүйүү үчүн, ыйык нике үчүн, мен өз милдетимди аткарам. Баланча уулу Түкүнчө, сен Баланча кызын Түкүнчө аялдыкка алганга макулсуңбу?»,– деп сурайт, андан кийин кыздан да ушул суроону сурайт. Алардан оң жооп алгандан кийин молдо адегенде күйөөгө аялына кам көрүп, урбай, урушпай, бейопалык кылбай, иттин үргөнү угулган жерде түнөп калбай, алыска чыкканда аялына жеткиликтүү акча таштап кетүү сыяктуу насааттарды айтат, анан колуктуга күйөөсүнө берилгендикти катуу сактап, күйөөсүн урматтоо ж.б. айтып түшүндүрөт. Акырында аларга туздуу сууга чыланган нанды жегизет, алар убадасына бек туруп, эч качан өзгөрүлбөсүн деген маанини билдирет. Туздуу сууга чыланган нанды бөлүшүп жегени алардын чыныгы жубай болгонун көрсөтөт. Ошондон баштап алар бири-бирине ишенип, жоопкерчиликти колго алып, чогуу карылыкты тосушу керек. Нике кыйылгандан кийин жаңы үйлөнгөн жубайлар нике түнүн өткөрүшөт. Нике түнү – кыргыз элинин тээ илгертен келе жаткан салты. Келиндин кыз абийири анын намыстуу жана адептүү экенин билгизет. Бул жөрөлгөнү өткөрүүнүн максаты башкаларга билдирүү эмес, негизи кыз менен күйөө таза, ден соолугу чың экенин түшүндүрөт. Ошол убакта бөлмөдө көшөгө тартылат, ал жерге төшөк салынат, колуктуну жеңеси уктоочу бөлмөгө киргизет, бул жаңы үйлөнгөн жубайлардын алгачкы түнү болуп эсептелет. Бул түндө колуктунун кыз абийири бар болсо, күйөө жууркандын ичине алтын, күмүш тыйын же башка ыйык буюмдарды салат. Эртеси жеңеси жуурканды көтөрүп, кыздык белгини көрүп, күйөө калтырган нерселерди алып, кыздын апасына жана кайын энесине сүйүнчүлөйт. Бул мактангандыктын бир түрү, эки тараптын ата-энесинин жүзүнө көрк кошуп турат. Албетте, бул алгачкы-феодалдык салттын аялдарга болгон басмырлоосу, коомдун тынымсыз өнүгүүсү менен феодалдык маданияттын калдыктары негизинен жок болуп кетти.

Эртеси эркектин үй-бүлөсү кыздын себин кабыл алышат. Келиндин апасы, эжеси, жеңеси келиндин чачын өрүү менен алек болуп, мурунку кырк өрүмдү эки калың өрүүгө бөлөт, бул кыз расмий түрдө бирөөнүн жубайы болгонун көрсөтөт, бейкапар секелек кыздын жашоосу бүткөнүн билдирет, жаңы жашоонун тажрыйбасы жана сыноосу башталат. Бул учурда биринчи жолу турмушка чыккан кыздын сезими татаал болот. Анда кыз кездеги убакытка, ата-энеге болгон сагыныч жана жаңы жашоого болгон ар кандан сезимдер болот. Чач өрүүнүн жүрүшүндө үйдөгү аялдар колуктуга кыз узатуу ырын да ырдашат. Келиндин апасы оң өрүм, кайын энеси сол өрүмдү өрүшөт.

Апасы кызынын чачын тарап жатып, кыз узатуу ырын ырдайт:

Жетилген куш учкан турат.

Кайсы айда кайтаарын билбейм;

Кызым турмушка чыкканы жатат, Жүрөгүмдөгү сөздөр айтылып бүтпөйт.

Кооз саймалуу жоолукту салынып,

Кызым, ай,

Апаңды таштап,

Алыска карай учкан жатасың.

Кереметүү туш кийизди сайдым, Жылуу жаңы бөлмөнү кооздодум.

Сүйүктүү кызым, учкан турасың, Жакшы кабарыңды укксам, Жүрөгүм жай алат.

Күйөө бала чырайлуу азамат, Өрүмдү жүрөгүнө байлайсың. Бүгүн аны көргөндө,

Үйлөнүү тоюн талаптагыдай,

Уюштурбай келгеним үчүн күнөөлөйсүң.

Чындыгында элдик ырлар тойдун бардык бөлүктөрүндө ырдалат. Үйлөнүү үлпөтү күнү колукту менен күйөө жолукканда, кыздын жеңеси кечени алып барганда жар көрүшүү ырын ырдап, жаштар мүмкүн болушунча ырдап, бийлеп алышат. Мындан тышкары, кыз узатканга чейин жеңеси кызга насаат ырын ырдайт, күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө барганда үй-бүлөнү кантип кароону, башкаларга кандай мамиле кылууну үйрөтүп акыл насааттарды айтат.

Колукту чачын өрүп, кийинип бүтүп, жакындары менен коштошуп, боз үйдөн чыгып жакындарына жүгүнүп, ыйлап, атка миңгенди каалабай, кайын энеси, апасы, эжеси, жеңесинин коштоосунда жолго чыгат. Кыз узатууга барган адамдар ар бир жерде бата алышып, ошол эле учурда айыл тургундары да жол тосушуп, той белектерин сурап чыгышат. Күйөө кең пейилдик менен элге белектерин таратат.

Жетинчи бөлүк. Сөөк коюу салты

Байыркы кыргыздардын сөөк коюу ыкмаларына өрттөө, жерге көмүү, бакка көмүү ж.б.у.с. Алар анимизм түшүнүгүн жактап, табият кудайларына сыйынышкан. Кыргыздар жердин кудайы, оттун кудайы жана дарактардын кудайы адамдардын акырет жашоосун жана өмүрдүн чегин башкарган улуу кудайлар деп эсептешкен. Жер кудайы адамды жараткан, аны «Жер эне» деп аташкан. Адамдар жер бетинде төрөлүп, өлгөндөн кийин анын кучагында узакка чейин укташат. Ушул себептен Жер эне ар дайым өлгөндөрдү коргоп, аларга акыретте экинчи өмүр тартуулайт. Демек, адам өлгөндөн кийин акыретте түбөлүк жашайт. Бул кыргыз элинин ата-бабаларына гана таандык жашоо менен өлүмдүн жөнөкөй, бирок үстүртөн түшүнүгү болгон. Мына ушундай көз караштан улам жерге сөөк коюу кыргыз элинин эң негизги сөөк коюу адаты болуп калган. Байыркы кыргыздар бул дүйнөдө адам баласы көп жамандык кылса, Жер эне аны «кабыл албайт» деп ишенишкен. Эгерде күнөөкөр жерге көмүлсө, Жер кудайдын каарына калып, өлгөндөрдүн кийинки жашоосунда азап тартышына себеп болот. Адамдардын бул дүйнөдө жасаган күнөөлөрүн от гана жууп кетире алат деп ишенишкен. Ошондуктан, өлгөндөн кийин адам күнөөсүн жууш үчүн адегенде өрттөлүп, анан күлүн чогултуп көмүшкөн. Бул өлүктү өрттөө салтынын түпкү себеби. «Таң династиясынын жаңы тарыхы: Уйгурлар баяны» жазуусу боюнча байыркы кыргыздар «бычак менен бетин тилишип аза күтүшпөйт, үч жолу маркумду айланып ыйлашат, өлүктү өрттөшөт, сөөктөрүн чогултуп, бир жылдан кийин жерге көмүшөт, анан аза күтүшөт».

Ал кездеги кыргыздардын диний ишеними боюнча маркумду жерге көмүү же өрттөш экендигин бакшы чечкен. Алар бакшыны көк асман дүйнөгө жөнөткөн элчи деп эсептешкен, ал асмандын көрсөтмөсүн адамдарга түз жеткире алат. Адам өлгөндөн кийин бакшы алгач бир нече кыймылдарды аткарып, сыйынып, маркумдун сөөгүн кантип коюуну чечкен. Салттык каада-салт боюнча, согушта сооптуу иштерди жасаган, элди коргогон, адилеттүүлүк кылган, башкаларга зыяны тийбеген жоокерлер же динчил адамдар көбүнчө өлгөндөн кийин жерге көмүлгөн. Ал эми кимдир бирөө толук жылда каза болсо, ошол жылы жерге көмүүгө тыюу салынган. Маркумду көрүстөндүн дөбөсүнө коюп, дененин сыртын ылай менен жаап кургатышкан, анан кийинки жылы жерге көмүлгөн. Үч жылдын ичинде жаңы салынган мүрзөлөргө жаңы топурак кошулбайт, андан кийин жылына бир жолу кошулган. Хан, уруу башчылары, согуштук эрдиктери бар баатырлар каза болгондо жерге көмүшкөн, мүрзөлөрдүн жанына балбал таштар орнотулган. Канча душмандын башчысын өлтүрсө же канча урууну жеңсе, ошончо балбал таштар орнотулган, анан маркумдун эрдиктери чегилген эстелик тургузулган. Маркумдун башы жана балбалдар чыгышка каратылган.

Өрттөнгөн маркумдар негизинен тукумсуз аялдар, денесинде жараты барлар, төрөт учурунда каза тапкан аялдар, күнөөлүү деп табылгандар болгон. Андай адам өлгөндөн кийин алгач сөөктөрүн өрттөп, күлүн чогултуп, кийинки жылы жерге беришкен. Кыргыз элинин сөөк коюу каада-салты боюнча, кандай ыкма колдонулбасын, маркум ар учурда жер эненин кучагына кайтып барат. Жерге сөөк коюуда маркум колдонгон курал-жарактар, жасалгалар, чөйчөк-кумура жана башка буюмдар, ошондой эле анын минген аты да кошо көмүлгөн. Маркумду жерге бергенден кийин туугандары мүрзөгө барып, кагаз, май жагып, дуба кылышкан. Анын достору, туугандары жаман кабарды уккандан кийин ат минип, чачтарын жулуп, маркумдун үйүнө ыйлап киришет, боз үйдү үч жолу айланып, аттан түшүп, бөлмөгө киришет, маркумду үч жолу айланып ыйлашып, аны менен коштошушат. Маркумдун аялы жана кыз туугандары чачтарын жайышып, башына кара жоолук салынышып же кара кездеме байлашат, батышты карап олтуруп, маркумду эскерип ыйлап, кошок ырларын ырдашат. Ар бир көңүл айткан адам келгенде, алардын баары кошок айтып ыйлашат. Кадимки шарттарда, бир күндө үч жолу, кыркылыгына чейин аза күтүшкөн. Андан кийин аза күтүшпөйт, жылдыгында аш өткөрүлөт.

Байыркы кыргыздарда даракка көмүү салты болгон. Кээ бир тарыхый жазуулар боюнча «алар маркумду жерге көмүшпөйт, өлүк салынган табытты бийик дарактын үстүнө коюшкан, ал чирип жок болгон»[1].  Бул аны жараткан «дарак энеге» же «дарак кудайына» кайтып барашынын ыкмасы болгон. Өлгөндөрдү колдогон дарак кудайы–ыйык жердин жаратуучусу. Байыркы кыргыздар ыйык даракка сыйынышып, анын аман-эсен болушун тилеп, маркумдун көзү тирүүсүндө кылган күнөөсүн кечирип, башка дүйнөдө жаны жай алуусун суранышкан. Бул негизинен азыркы кыргыздардын ыйык даракка сыйынуу жана ага кездеменин үзүндүлөрүн байлап, андан колдоо тилеген салтына окшош. Мындан тышкары көрүстөндүн үстүнө жыгач мамы орнотулуп, ага ак, көк, кызыл, сары ж.б түрдүү кездеме үзүндүлөрүн байлап, көп учурда мүрзөгө барып, өлгөндөргө курмандык чалып турушкан. Байыркы кыргыздар ыйык дарак адамдарга бейпилдик алып келе турганына, өлгөндөрдүн күнөөсүн жууй турган көмүүчү жай, акыретте кыйноого кабылбаш үчүн ошол жерге көмүүгө болот деп ишенишкен. Адамдардын күнөөлөрү эт менен канда болот, дарак кудайынын жардамы аркылуу гана эт чирип, кан кургап күнөөдөн арылат. Ошондуктан адам өлгөндөн кийин сөөктү табытка салып, даракка илип, бир нече жылдан кийин сөөк чиригенде, аларды чогултуп жерге көмүшкөн. Жыл сайын 18-апрелде, алар дарак кудайына сыйынуу үчүн курмандыкка ак боз жылкыларды жана өгүздөрдү союп турушкан.

Азыркы коомдо Хэйлунжаң Фуюй (Фуйү) ооданда жана Шинжаңдын Чугучак аймагындагы Эмин ооданда жашаган кыргыздардан тышкары, башкалар исламдын каада-салттарына ылайык сөөк коюу иш-чараларын өткөрүшөт. Жогорудагы эки жердеги кыргыздар шаманизмге же ламаизмге ишенгендиктен, негизги кыргыздардан айырмаланып, өздөрүнүн сөөк коюу каада-салты бар. Кыргыздар сөөк коюу жөрөлгөлөрүнө өтө олуттуу карашат жана чоң маани беришет. Сөөк коюу ырым-жырымдары байыркы шаманизмдин көптөгөн калдыктарын гана сактабастан, кийинчерээк исламдын салттары да аралашкан. Адам каза болгондо имам адатта анын жанына отуруп куран окуйт. Акыркы дем чыккандан кийин маркумдун башынын астындагы жаздыкты алышып, тегиз жаткырып, маркумдун ээгин ак кездеме менен ороп, бутунун эки баш бармагын ак кездеме менен байлап, колдору дененин эки капталына тегиз коюлат. Адам өлгөндөн кийин дагы бир боз үй тигилип, анын сөөгүн так ортосуна коюшат, башын түндүктү каратып, батышты карай жаткырышат. Үй-бүлө мүчөлөрү кара кийим кийишет, аялдар кара орогуч салынышат, батышты карап тизелеп отуруп кошок айтышат, маркумдун жасаган иштерин даңктап ырдашып, маркумга болгон сезимин билдиришет. Боз үйдүн сол бурчунда маркумдун баш кийими, кийими, камчысы жана башка колдонгон буюмдары илинет, эшиктин сыртына кара туу орнотулат. Үй-бүлөдөгү улан-кыздар, балдар жыгач таякты кармашып, маркум жаткан боз үйдүн алдына токтошуп үн чыгарып ыйлашат, коштошуу ырын ырдашат. Эркектер же тууган-туушкандары атка минип ар кайсы жерлерге барып туугандарына, досторуна аза кабарын билдиришет. Имамды куран окууга чакырышат, маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү же жакындары сөөктү кезектешип кайтарышат. Көмүлгөнгө чейин имам маркумдун оозуна бир нече тамчы суу тамызат.

Маркумду жерге бергенге чейин төрт негизги талап аткарылышы керек: денесин тазалоо, ороо, жаназа жана көмүү. Маркумду «тазалоодо» адегенде аны жыгач керебетке жайгаштырат, ак шейшеп менен жаап, атайын даярдалган боз үйгө жайгаштырат. Андан кийин жылуу суу жана эки чайнек даярдалат. Өлүктү тазалоо үчүн төрт киши, суу куюу үчүн эки, тазалоо үчүн эки киши болот. Эркектер эркектердин денесин, аялдар аялдардын денесин жуушат, андан кийин денеси таза сүртүшөт. Өлүктү жууп бүткөндөн кийин кепинге ороп, эркектер үч жолу, аялдар беш жолу орошот, табытка (жаназа) салып, ачык түстөгү кийиз менен жабылат. Табытты мечиттин короосуна көтөрүп барышат, молдо же имамдын жетекчилиги астында маркумга жамааттык аза күтүлөт, маркумдун күнөөлөрүн жууш үчүн дуба окулат, анын эрте бейишке барышын тилешет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты мечиттин чоң залында эмес, короосунда өткөрүлөт. Жаназа күн чыкканда, батканда жана түш чакта өткөрүлбөйт, албетте, кечикисин да өткөрүүгө болбойт.

Жогорудагы үч жөрөлгө аяктагандан кийин сөөктү коюуга болот. Өлүктү алдын ала тандалып казылган жерге көтөрүп алып келишет. Мүрзөнүн тереңдиги 2 метр, туурасы 2 метр болушу керек, андан соң мүрзөнүн оң тарабынан тереңдиги 2 метр, туурасы 1 метр, бийиктиги 1 метр болгон чуңкур казылат. Анын чыгыш жагы чуңкур түбүнө караганда 30 см бийик болот. Өлүктүн башы түндүккө, буттары түштүккө, батышка каратылат. Мүрзөнү таманташ же кирпич менен тосушат. Анан баары казылган мүрзөнү топурак менен толтурушат. Аза күтүүчүлөр ар бири жети жолу кетмен менен топурак салышат. Мүрзөнүн алды жыгач менен белгиленет, жыгач же таш тургузулат, анда маркумдун аты-жөнү, туулган жана өлгөн жылы жазылат. Салт боюнча аялдар мечитке барышпайт, сөөк коюу үчүн көрүстөнгө да бара алышпайт. Маркумду эскерүү жөрөлгөсү, адатта, өлгөндүн үчүнчү, жетинчи, кыркында жана жылдыгында өткөрүлөт. Бул жөрөлгөлөр өткөрүлгөндө маркумдун кыз туугандары жана катышуу үчүн келген аялдар арты карап отурушуп, кошок айтышып, үндөрү муңдуу чыгып элди ыйлатышат. Сурамжылоого ылайык, негизинен кыздары атасын, аялдары күйөөсүн, балдары жана неберелери атасын же чоң атасын, ата-энелери балдарын, күйөөлөрү аялын, иниси байкесин, сиңдиси эжесин жоктоп кошок айтышат. Албетте, маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү зыйнатына келген аялдар жаназа ырын ырдап, маркумга көңүл айтышат. Маркумдун үй-бүлөсү да мал союп, ар бир эскерүү аземинде конок тосуп, конок көп болсо, үй ээси ошончолук сүйүнөт. Жылдык көбүнчө карылар үчүн өткөрүлөт, көлөмдүү келип, өтө чоң маани берилет, мал союп гана тим болбостон, байгелерди коюп, өлгөндөрдү ыраазы кылуу үчүн улак тартыш, ат чабыш сыяктуу элдик оюндарды өткөрүшөт. Чындыгында бул жөрөлгө ислам динине чейин эле пайда болгон, бүгүнкү күндө да абдан белгилүү. Маркумдун көзү өткөндөн кийин 40 күндүн ичинде үй-бүлө мүчөлөрү чачын тарабайт жана кыркпайт, сакалды албайт. Жылдыгына чейин жаңы кийим кийүүгө, тойлорду, оюн-зоокторду, үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө болбойт.

Хэйлунжаң провинциясынын Фуюй (Фуйү) ооданындагы кыргыздарда сөөк коюунун эки түрү бар: жерге көмүү жана отко өрттөө. Кайсы түрүн колдонуу шаман же лама чечет, өлгөн адамдын жашына жана өлүмүнүн себебине жараша көмүүнүн ыкмасы тандалат. Өлгөндөн кийин кары адамды чакырып маркумдун кийимдерин алмаштырып, чачын кырып, жүзүн жууп берүүнү суранышат. Жерге көмүүдө эркек маркумдун оозуна күмүш же жез тыйын, ал эми аял маркумдун оозуна маржан же бермет салышат, андан кийин карыяны денесин жууганга, табытка салганга чакырат, маркумдун туугандары арак, таттуулар, короз, каймакты тартуу катары коюшат, анын колдонгон чөйчөк жана таякчасы, тамеки кутусу, оттук таш, маки ж.б. кошо коюлат, кечкисин маркумдун табытын кайтарышат. Адатта экинчи же үчүнчү күнү көмүлөт. Сөөк коюу учурунда ламаны чакырышып дуба окулат. Жерге көмүлгөндөн кийин, маркумдун уул-кыздары тез-тез маркумга карата кагаз, жыпар жыттуу заттарды түтөтүп, алтын-күмүш калдырканды күйгүзүп турушу керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу бүткөндөн кийин бешинчи күнү, маркумдун жакындары арак, акча жана ал түрүү кезинде колдонгон баалуу буюмдарын Тирүү Будданын же Улуу Ламанын үйүнө алып келишет, дубаларды окушуп, маркумга багыт беришет. Жаңы мүрзөгө үч жыл топурак кошулбайт, үч жылдан кийин жылына бир жолу топурак салынат. Отко өрттөгөндө күлдү карапага салып, жерге көмүшөт. Төрөбөгөн аялдар жана кош бойлуу аялдар каза болгондо отко өрттөшөт.

[1] В.В. Бартольд. «Жети-суу тарыхынын очерктери», алынды «Кыргыз улутунун кыскача тарыхы», 16-б.

Сегизинчи бөлүк.  Майрамдык каада-салттары

Кыргыз эли күндүн, айлардын, мезгилдердин, жылдардын жана 12 мүчөл жылнаамасын салыштырмалуу эрте колдонгон улут. «Тайпин доорунун географиялык жазуулары: Сяцзясы баяны» боюнча, кыргыздар «жылдын биринчи айын ай башы, жыл айларын ай, үч ай жылдын чейрегин жаз, жай, күз жана кыш деп төрт мезгилге бөлгөн. 12 мүчөл жыл наамасы менен аныкташакан, мисалы, биринчи жылы «子цзы»– чычкан жылы, «戌-сюй» -ит жылы». Байыркы кыргыздар убакыт аалам менен бир убакта жаратылган деп эсептешкен. Дүйнөдөгү бардык нерсенин жакшы да, жаман да жактары бар, түрү боюнча «ак» жана «кара» болуп бөлүнөт. «Ак» жакшылык менен күндү, ал эми «кара» жамандыкты жана түндү билдирет. «Ак» адамдарга бакыт тартуулайт, «кара» кырсык алып келет, ак менен каранын алмашышы түбөлүктүү жана жанаша жашашат. Күн менен түндүн алмашуусу жана жуманын кайталануусу убакытты түзөт. Күндүз да жакшы жана жаман жактары бар, кээ бирлери жакшы, кээ бирлери жаман күндөр. Күн менен түн алмашып турат, күндүн, айдын жана жылдыздардын кыймылын көк асман башкарат. Күндүн кыймылына жараша чыгыш, батыш, түндүк, түштүк багыттарын аныкташкан.

Кыргыз улутунун ата-бабасы күндүн чыгыштан чыгышы менен батышта батышынын ортосундагы убакытты «бир күн» деп эсептешип, «бир күндү» убакыттын эң кичине бирдиги деп аныкташкан. Кийинчерээк алар бир күндү акырындык менен таң, күн тууду, шашке, эрте түш, түш, түш ооду, түштөн кийин, бешим, күн батты деп 9 убакытка бөлүшкөн. Муну алар күндүн абалына же боз үйдүн түндүгүнөн кирген жарыктын кыймылына карап эсептешкен. Мындан тышкары, алар жылдыздардын жайгашкан абалын карап, түн ичинде убакытты аныкташкан. Мисалы, жети каракчы жылдыздын жайгашкан абалына жараша түндү үчкө бөлүшкөн: Жылдыз тууду, түн орто, таң атаар. Бешимде кечки жылдызы көрүнгөндө малды короого айдап киришкен. Таңкы жылдыз пайда болгондо, таң агарган убакыт. Түнкү сейилдөөчүлөр багытты аныктоо үчүн Алтын Кызык жылдызды карашкан. Алар бир түндү тогуз убакытка бөлүшкөн: күүгүм, уктоо, жылдыздар чыкты, бир үргүлөө, эки үргүлөө, үч үргүлөө же кеч түн жарымы, түндүн көпчүлүк бөлүгү, бир аз таң атуу жана таң. Кыргыздар убакытты эсептөөдө убакыт бирдиги катары «чай кайнатуу убактысын» жана «эт бышыруу убактысын» колдонушкан. Аралыкты эсептөөдө «чакырым» (кыйкырык угула турган аралык), «ат чабым» (күлүк аттын чуркап чарчай турган алыстык), «тай чабым» (бир жаштагы тай чуркай алган аралык) колдонулган. Убакыттын эң кичине аралыгын «каш кагым» же «көз ирмем» деп аташкан. Бир жыл – бул жылдын жаз мезгилинен кийинки жаз мезгилине чейинки убакыт түшүнүгү. Жыл – убакытты эсептөө үчүн жалпы бирдик. Кыргыздар он эки жылды бир мүчөл жаш деп аташкан. жашоо цикли деп эсептешет жана аны «мучили» (жылдык шакек) деп аташат. Элүү жылда – эл жаңырат, жүз жылда – жер жаңырат, жүз жыл эң чоң убакыт бирдиги болгон. Бир жыл 12 айга жана 4 мезгилге бөлүнгөн. 3 ай бир мезгилди түзгөн. Бир ай биринчи он күндүк, экинчи он күндүк, үчүнчү он күндүк болуп бөлүнгөн. 12 айдын аталышы негизинен асмандагы планеталардын жана ар кандай жаныбарлардын аталышы же климаттын өзгөрүшүнө жана тиричиликтин адатына жараша аталган.

Кыргыз элинин майрамдары өтө көп жана ар түрдүү, анын ичинде оруу-жыюу майрамдары, диний майрамдар, баатырларды эскерүү же мелүүн шамал, жамгырлуу аба ырайы жана тынчтык үчүн сыйынуу сыяктуу салттуу майрамдар бар. Алар негизинен үч түргө бөлүнөт: Биринчи, байыркы табиятка жана ата-бабага сыйынуу, шаманчылыкка байланышкан салттуу майрамдар, мисалы, Нооруз майрамы жана Карга той майрамы; Экинчи, күнүмдүк өндүрүшкө жана жашоого байланыштуу майрамдар, мисалы, Үлүш майрамы, Ак той майрамы, Жоро бозо майрамы, Шерне майрамы; Үчүнчү, исламга динине байланыштуу майрамдар, мисалы, Орозо жана Курман айт майрамдары. Байыркы кыргыздарга шаманизмдин түшүнүгү терең таасир эткен жана ага байланыштуу көптөгөн туруктуу майрамдар болгон. Алар өздөрүнүн салттуу жылнаамасы боюнча убакытты эсептеп, ар бир мезгилде майрамдарды өткөрүп, мезгилдин кудайына сыйынышып бакыт тилешкен. Жаңы жыл Нооруз майрамы Григориан календары боюнча 22-мартта (кыргыз жылнаамасы боюнча баш айынын бири) белгиленет. Жаз майрамы Григориан календары боюнча 8-майда (кыргыз жылнаамасы боюнча март,

б.а. күкүк айында); Жай майрамы Григориан календары боюнча 28-августка (кыргыз жылнаамасы боюнча июнь, б.а. кер күйүк айы) туура келет; Күз майрамы Григориан календары боюнча 28-сентябрда (кыргыз жылнаамасы боюнча июль, б.а. мизам айы) болот. Бул майрамдарда байлар, эркек, аял, улан, кыздар чогулуп ырым-жырымдарды өткөрүшөт, курмандыкка ак боз жылкы, ак кой, өгүз союлат, ата-бабаларга, ар кандай кудайларга, перилерге сыйынышып, ата-бабалардын мүрзөлөрүнө мамы орнотушуп, ага көк, кызыл, ак, сары жана башка түстөгү кездеме үзүндүлөрү менен байлашат. Мындай кездеме элдин ишениминин белгиси болгон «мара» деп аталат. Андан тышкары ар кандай салттуу мелдештер да өткөрүлөт: ат чабыш, күрөш, жаа атуу, оодарыш, ордо ж.б. Бул байыркы майрамдар тарыхтын өнүгүшү, адамдардын түшүнүгүнүн жаңылануусу менен бара-бара унутулуп же өзгөрүлгөн, элдин эсинде саналуу гана уламыштар калды. Албетте, кыргыз элинин азыркы майрамдык каада-салттарында байыркы ырым-жырымдары да сакталып калган, алар элдик үрп-адаттарынын жөнөкөй жана алгачкы мүнөздөрүн чагылдырат.

Нооруз майрамы – кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан улуттук майрамы, башкача айтканда, Жаңы жыл майрамы. Көбүнчө Балык топ жылдызы асманда көрүнбөй калганда, Кой топ жылдызы пайда болгон күнү белгиленип, ал жарым айга созулат. Бул күн кыргыз жыл эсеби боюнча баш айынын бирине туура келет, кытай улутунун Ай эсеби боюнча күн-түндүн теңелүүсү, Григориан календары боюнча 22-март. «Нооруз» сөзү байыркы перс тилинен келген, ислам дининин кириши менен байыркы кыргыз тилиндеги «Баш ай» сөзүн алмаштырып, жаңы жылдын ат атоочу болгон. Байыркы перс тилинде «Ноожаңы» дегенди билдирет, ал эми «руз» жыл жана мезгилди билдирет. «Нооруз» деген сөз байыркы перс тилинен киргени менен, бул майрамдын өтүшүнө жана мазмунуна ислам дининин таасири тийген эмес, улуттук өзгөчөлүгүн сактап, байыркы өңүндө азыркы учурга чейин таралып келген. Кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин көк асманга, күнгө, айга, жылдызга, сууга, жерге, отко, тоолорго, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, ата-бабаларга сыйынышкан. Алар Теңир бардык жандын жаратуучусу, күн менен ай адамдардын атасы жана энеси, ал эми жылдыздар адамзаттын тагдырын башкарган негизги кудайлар деп эсептешет. Алардын арасында Кой жылдызы адамзатка бакубаттык алып келген негизги кудайлардын бири, Балык жылдызы адамдардын жана жаныбарлардын оорусунун булагы деп эсептешкен. Ошондуктан, кыргыздар Балык жылдызы түшкөндө, Кой жылдызы жанып турганда Нооруз майрамын өткөрүп, бул күндү жаңы жыл майрамы деп белгилешкен. Уламыш боюнча Кой жылдызы бир жылда биринчи жолу күн менен түндүн убактысын бирдей кылган башкы кудай, ошондой эле температураны жана мезгилди тууралап, жерди эритип, бардык нерсени тирилтет, чөптөр чыгып, козулар туулуп жана башка бир катар табигый өзгөрүүлөр болот. Андыктан кыргыздар Кой жылдызы чыкканда Нооруз майрамын белгилешкен, ушул күндөн баштап Жаңы жылды тосуп, бир жылдык өндүрүшүн, жашоосун уюштурган. Кыргыздар күн менен түндүн ортосундагы убакытты алтыга бөлүшкөн: күн тууду, түш, күн батты, жылдыз чыкты, түн, таңдын атышы. Нооруз салтанаты ошол күнү таңга маал башталат. Майрам күнү аял-эркек, жаш-кары, бала-кыздын баары майрамдык кийимдерди кийип, ырдап-бийлеп, ар кандай салттуу элдик оюн-зоокторду өткөрүшөт. Байыркы заманда эркектер добулбастын, кыйкырыктардын коштоосунда оодарыш, ат үстүндө жаа атуу жана башка оюндарды уюштурса, аялдар аларды бийик жерден карап, кубаттап турушкан. Үй-бүлө башчылары же айылдын аксакалдары арчаны түтөтүп элдин башынана үч жолу тегеретип, ээн талаада үйүлгөн арчаны өрттөшүп от жагышат. От күйгөндөн кийин эркектер оттун үстүнөн биринин артынан бири секирип өтүшөт, ал эми кары-картаңдар, балдар жана аялдар оттун үстүнөн секиришпейт, кары-картаңдардын колундагы арчанын түтүнүнөн башын ылдый кылып өтүшөт. Он үч жашка чыга элек кичинекей кызга кадыр-барктуу, көп балалуу жана неберелүү эненин колун карматышат, бул кыз келечекте энедей көп бала-чакалуу, небере-чөбөрөлүү болуп, элдин урматына татыган аял болсун  деп тилешет. Эл оттон секиргенден кийин эки оттун ортосунан малды да өткөрүш керек. Адамдар, малдар оттон өтүп баратканда, кадыр-барктуу аксакал колундагы арча менен адамдардын жана жаныбарлардын башынан айлантып: «Жаратуучу күндүзү күндү, түнкүсүн айды жаратты. Түнкү айдын он беш күнү жарык, он беш күн караңгы.

Жараткан бизге берген оту ар дайым жарыктык берет. Жарыкта адамдар, малдар өркүндөп, аман-эсен болушсун деп үмүттөнөм.» Арча менен малды аластаганда, сөзсүз түрдө малдын куйругунан баштап башына карай аласташ керек, тескеринче аластаса болбойт, бул бактысыздык деп эсептелет. Оттон секирүү кырсык, кыйынчылыкты жок кылат, жаңы жылда адамдар, малдар аман болот деген мааниси бар. Байыркы кыргыз эркектери оттун үстүнөн секирип өткөндөн кийин күн жетиштүү жарык нурларын төгүп турушу үчүн күн чыгыш тарапты көздөй ок атышкан, аны менен арбактарды куушкан. Майрам күнү эртең менен ата-энелер арчаны түтөтүп, баштан үч жолу тегеретип: «Нооруз ырын» ырдашат:

Алас, булас,

Ар түрдүү жин-шайтан, кырсык кетсин. Эски жыл кетти, Жаңы жыл жетти.

Жаңы жылда,

Айдан аман,

Жылдан эсен бололу.

Жогоруда айтылган бата иш-чаралары өткөрүлгөндөн кийин курмандыкка эчки союлат. Ар бир түтүн көжө жасашат, ал Нооруз майрамында гана жасалуучу тамак, ошондуктан жасоодо өзгөчө маани беришет. Көжө бышыруунун ыкмасы: Курмандыкка чалынган эчкинин этин майда бөлүктөргө бөлүп казанга салынат, ал кайнагандан кийин көбүктөрү алынат, андан кийин тандалып алынган күрүч, буудай, арпа, таруу, жүгөрү, буурчак сыяктуу жети дан өсүмдүктөрү салынат, туз, пияз, мейиз, кургатылган өрүк жана башка татымалдарды кошулуп, коюу ботко болгончо бышырат. Кайсы гана үй-бүлө болбосун, көжөнү көп жасашы керек, жаңы жылда молчулук, токчулук болуп, мал-жан көбөйсүн деген тилекте экенин көрсөтүш керек. Эл көжөнү жегенден кийин бири-бирине жаңы жылдык куттуктоолорду айтып, анан жайлоого чогулуп, ат чабыш, оодарыш, ат үстүндө жаа атуу, күрөш, селкинчек тебүү, ордо ж.б. сыяктуу улуттук элдик оюндарды уюштурушат. Кечинде бардыгы бийлеп, ырдап, элдик эпосторду, уруу санжырасын да айтышат.

Байыркы кыргыз аялдары ар бир жылы Григориан календары боюнча июль айынын так күнүндө (кыргыз жыл эсеби боюнча май, б.а. карача айы) Карга той майрамын өткөрүшкөн. Бул майрам байыркы матриархалдык коомдун мурасынан калган. Майрамдын келип чыгышы тууралуу мындай кеп бар: Байыркы заманда кыргыздар башка улуттун баскынчылар келе жатканын угушат. Ошондо жүз жашка чыккан бир аял, душмандын кыргынынан кутулуу үчүн бардык эркектерди (анын ичинде балдарды да) бийик тоолорго, жыш токойлорго малды айдатып кетирүүнү сунуштайт. Аялдар үйдө калып бийлешип, ырдашып, душмандарды тосуп, андан кийин эркектер кайтып келишип баскынчыларды талкалашмай болушат. Ушинтип баары биргеликте иш алып барышат. Душман аскерлери жайыт айылына келгенде, шайыр аялдардын тобун көрүшөт, алардын ийкемдүү бийлери жана мукамдуу ырлары душмандын аскерлерин башын айландырып, баарын унутушкан абалда болушат. Бул учурда эркектер капысынан душманга чабуулга жасап, бардык душмандарды жок кылышат. Ошондон бери Карга той майрамы кыргыз аялдарынын салттуу майрамына айланган.

Карга той майрамына аялдар гана катышат, бардык эркектер, жаш балдар да эшик сыртында болушат. Аялдар майрамдык кийимдерди кийишип, уруудагы эң кадырбарктуу байбиченин алып баруусунда ар түрдүү майрамдык иш-чаралар башталат. Алып баруучу аялдардын бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, ар кандай парыздарды тутунганын, күйөөсүнө берилгендигин, тиричиликтеги иштерин же кимдир бирөө бул иштерди бузганын да карашкан. Андан тышкары кыз-келиндерге, жаш кыздарга ахлак-адептүү сактоону эскертишкен, аларга тиричилик иштерин үйрөтүшкөн. Ошондой эле кийинки жылдын эмгек иштердин тартибин бекитишкен. Карга той майрамы диндик маанидеги майрам эмес, ал байыркы кыргыз аялдардын ой жүгүртүүсү, аң-сезими азаттыкка чыкканынын белгиси болгон. Майрам учурунда аялдар уруу боюнча топко бөлүнүшүп ырдашып, бийлешип, жомок айтышып ж.б. иштерди жасашкан. Кыздар селкинчек тебишип, жоолук таштамай сыяктуу оюндарды ойношкон. Бул майрамды бир күн, бир түн майрамдашкан, таң атканга чейин тосушкан.

Үлүш майрам – эзелки жайкы жайлоо майрамы. Кээ бир аймактарда аны «Кымыз майрамы» деп аташат. Бул майрам жыл сайын жайдын башында, Эгиздер жылдызы асмандын батыш тарабында биринчи жолу пайда болгондон кийинки экинчи күнү майрамдалган, б.а. салттуу кыргыз жыл эсеби боюнча марттын биринчи күнү жана Григориан календары боюнча 22-майда өткөрүлөт. Ушул мезгилден баштап жайлоодогу кыргыз малчылары кымыз жыйнап ичип башташат, ошол үчүн майрам өткөрүшкөн. Майрамга чейин эл бээнин сүтүн жыйнап ачытышат, семиз койду союшат. Күн чыккандан кийин ар кандай курактагы эркектер, аялдар, жаш балдар майрамдык кийим кийишип, бээ байланып турган жерге чогулушат. Ата-эне адегенде бээнин жалынын кармап сыйынышат, ал эми үйдүн байбичеси бээни саап, алгач жыгач чөйчөк менен кулунга ичирет, андан кийин кашык менен үй-бүлөнүн кичүүсүнө берет, бала менен кулун күчтүү болуп өсүп, улан-кыздар аруулукта жана бакытта жетилип, жашоосу кымыздай таза жана жыпар жыттуу болсун деген мааниси бар. Майрамга атайын союлган кой эти бышкандан кийин кошуналар чакырылып, жаңы кымыз, эт, куурулган тамак менен сыйлашат, бири-бирин куттуктап, майрам адатта үч күнгө созулат.

Ак той майрамы – кыргыздын күзүндө белгиленүүчү өзгөчө мааниге ээ майрам. Ал кыргыз жыл эсеби боюнча июнь айынын биринчи күнү, Григориан календары боюнча 22-августта өткөрүлөт, асманда Бийкеч жылдызы түштүктө көрүнгөндө, анын эртеси майрамдалат. Бул учурда кымыз өндүрүү токтоп, элдин кымыз иче турган мезгили бүтүп, аба ырайы сууктап, чөптөр, бак-дарактар куурап, саргайып калган мезгил. Ошол күнү таңга маал майрам башталат. Ар бир үй-бүлөнү ата-энеси бардык кудайларга сыйынып, кой союшат, нан, куурулган тамак-аш, сары май даярдашып конокторду сыйлашат. Адамдар бирибирин жаңы жыл менен куттукташат. Анан ар бир үйбүлө малын санап, жаңы кошулган малдын кулагы менен жамбашына үй-бүлөлүк уруунун эн тамгасын басышат, кышка даярдык көрүшөт. Карыялар жылдын өндүрүштүк абалын жыйынтыктап, бири-бирине амандык каалашат. Майрам жалпысынан 15 күнгө созулат,  андан кийин малчылар күзгү жайыттарга көчүп, кышкыга тоют, эт камдай башташат.

Жоро бозо майрамы- кыргыздардын элинин байыркы майрамы, мал чарбачылыгынын өндүрүшү менен тыгыз байланышы бар. Ал кыштын биринчи, экинчи айларында бош болгон мезгилде өткөрүлөт. Узун кышты жакшы көңүл менен өткөрүү үчүн жакшы достор чогулуп, ар бир үй кезек-кезеги менен коноктошот. Ар бир үй-бүлө конок тосуу кесеги келгенде майрамды алып баруучуну шайлашы керек, аны «Кол бек» деп аташат. «Кол бек» көбүнчө сөзгө чечен адамдар алып баруучу болот. Ал өзү иш-чараларды уюштура алат, мисалы, калоо-тилек айтуу жана ырдоо, эт тартуу жана чай берүү ж.б. Чогулгандар анын көрсөтмөлөрүнө жана уюштурганына баш ийиши керек, эгер аны таарынтса, ал ичимдик ичүү же ырдоо сыяктуу жаза алышы мүмкүн. Үй ээси семиз койду союп, бозо шарабын даярдайт. Бозо – таруудан жасалган шарап, жайыт жерлерде шарап аз болгондуктан, кыргыздар көбүнчө ушул шарапты ичишет. Жоро бозо майрамынын өзгөчөлүгүнөн улам конокторду сыйлаганда өтө чоң маани берилет, койдун этин устуканга тартканда эрежеси так сакталышы керек. Эгер ката кетсе «Кол бек» ага дагы бир жолу коноктоо жазасын берет. Үй ээсинин кылдаттык менен кабыл алуусунда адамдар ичимдик ичип ырдап, бири-бирине калоо айтышып, майрамдык түндү жакшы өткөрүшөт. Тарых китептеринде «Жоро бозо майрамы» тууралуу так маалымат жок, бирок элде мындай уламыш айтылат: Илгери Жоро бозо аттуу баатыр болгон, ал баскынчылар басып киргенге чыдабай, 40 жоокерин жетектеп баскынчыларга каршы каармандык менен салгылашат. Согушта Жоро бозо душмандын курчоосунда жалгыз калган болот, ал эрдик менен салгылашып курчоодон кутулат, бирок анын аты катуу жарадар болгон. Ат кожоюнун коркунучтан алып чыккандан кийин, кан көп аккандыктан өлүп калат. Жоро бозо аябай кайгырып, аттын куйругун жулуп Кыяк аспап жасайт, аттын жанына отуруп алып, согушта бирге жүргөн атын эскерип күү ойнойт. Муңдуу күү жолдошторунун кулагына жетип, баатырдын жанына ар тараптан эл жыйналып, келишип, анын аман-эсен кутулуп кетишин кубаттап, чоң салтанат өткөрүшөт. Убакыттын өтүшү менен бул иш-чара кыргыз элинин бири-бирине бакыт, ден соолук каалаган майрамга айланган.

Чечкор майрамы – күзгү түшүм майрамы же түшүм оруу майрамы деп түшүнсө болот. Ал кыргыздын айыл жерлеринде кеңири тараган жана алгачкы айыл чарба өндүрүшүнөн келип чыккан. Күзгү оруп-жыйноодон кийин кырман сузарда майрамдалат. Майрам алгачкы табуунун көптөгөн белгилерин көрсөтөт. Дыйкандар буудайды оруп, жыйнап бүтүп, кырмандын ортосуна казык орнотулат, бир аркан менен бир нече атты же эшекти катарлаш казыкка байлашат, анын ичине бир атты жаш жигит минип айдап жөнөйт. Аттар бир катарда басып, талаанын ортосундагы казыктарды айланып чуркашат, мындай жол менен кырманды бастырып, буудай саманын да тепселенет. Ат минген жаш жигит жана элдер чогуу «Оп майда ырын» ырдашат. «Оп майда ыры» – кыргыз элинин эмгек ырларынын арасында кеңири тараган элдик ыр. Дыйкандар оруп-жыйнаганда түшүмдүн кубанычын ырдап билдиришет. Ал туруктуу обон менен ырдалат, бирок аткаруучу ырды жамактап өзгөртсө болот. Салттуу «Оп майда ыры» төмөнкүдөй:

Майда-майда, мапмайда, Майдалансын, атты айда.

Кызыл толгон кырмандын,

Сузалы биз капкайда. Бекер жүрсөң жан багып, Таба албайсың эч пайда.

Майда-майда оп майда, Орой, орой, оп майда, Ороо толсун оп майда.

Кар алдында калбасын

Эртелеп барып майдала,

Орой-орой оп майда, Орой-орой басканың, Ороо толсун оп майда.

Кырча-кырча басканың,

Кырман толсун оп майда,

Даны бизге пайда,

Топону сизге пайда, Майда-майда-майда, Тилек кылдык Кудайга. Мөндүр алды арпаны,

Оп, оп майда, оп майда[1]

Буудайды оруп жыйнап бүткөндө, аны мүшөккө салар алдында, талаадан топурак казып келип, анын үстүнө өгүздүн кыгы коюлат, ага буудай талаасынын терип келген жети баш машакты сайышат. Кожоюну бир койду союп, койдун ысык канын эгин сапырган күрөккө агызылат, анан аны үйүлгөн буудайдын үстүндөгү өгүз тезегина сайып тургузат. Союлган кой «чечкор» деп аталат. Койдун этин бышырып, кошуналарга, туугандарга, досторго таратылат. Өгүздүн кыгын буудайдын үстүнө коюунун терең мааниси бар. Кыргыз уламыштарында дыйканчылыктын пири Баба дыйкан жерге түшүп, өгүздү колдонуп адамдарга жер айдаганды үйрөткөн. Өгүздүн кыгы ошол ыйык өгүздүн белгиси болуп эсептелет, ал эми буудай жерде өскөндүктөн, дыйкандар келерки жылы дагы мол түшүм алуу үчүн Баба дыйканга, ыйык өгүзгө жана жерге сыйынышкан. Эл койдун этин жеп бүткөндөн кийин, ээси буудайдын үстүндө турган күрөктү көтөрүүгө бир карыяны чакырып, ал үйүлгөн буудайдын дандарын күрөк менен алып, топурак, өгүз тезеги менен кошо көтөрүп эгин бастырган жерге алып келет, бул жөрөлгөнү Манас баатырдын аты Аккулага арнашкан, аны менен Манас баатырга болгон урмат-сыйды билдиришкен, ошол эле учурда баатырдын арбагы урпактарын колдосун деп сыйынышкан. Буудай таңга маал капка салынып кампага киргизилет, жакшы түшүм алган дыйкан да түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жардамга келген адамдарга, жакырчылыкта жашаган кедейлерге бериши керек. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары, мол түшүм алган адамдан бир аз дан сурашы керек, бул капсай деп аталат, кийинки жылы андан да көп түшүм алып, бай жашоого умтулууну билдирет. Буудай кампага киргизилгенден кийин күзгү түшүм майрамына карата түрдүү иш-чараларды өткөрө башташат.

Орозо айт жана Курман айт майрамдары-кыргыз эли ислам динин кийин кабыл алгандан кийинки диний майрам. Орозо айт жана Курман айт сөздөрү перс тилинен кирген, «Рамазан айынын бүтүшү» жана «курмандык чалуу» дегенди билдирет. Орозо айт Рамазан айы бүтөрү менен белгиленет. Ислам дининин эрежелерине ылайык, ар бир мусулман ислам календары боюнча тогузунчу айында бир ай орозо кармашы керек. Рамазан айында таң алдында жана күн баткандан кийин тамактанууга уруксат берилет, ал эми күндүз жеп-ичүүгө тыюу салынат. Орозо бүтө турган күн ислам календары боюнча 1-октябрь. Бул майрам жалпысынан өлгөндөрдү эскерүү, арбактары үчүн аза күтүү болуп саналат. Ар бир үй-бүлө майрамдык тамактарды даярдашат. Майрам күнү эркектер адегенде мечитке барып намазга жыгылышат, куран окушат, андан соң бири-бирин куттуктап, тууган-туушкандарын, достору менен чогуу элдик оюн-зоокторду өткөрүшөт, шарап ичүүгө тыюу салынат. Кыргыз элинин Орозо айт майрамы улуттук өзгөчөлүктөргө ээ. Рамазан айынын ортосунан баштап, кээ бир жакыр адамдар үч-бештен болуп, кээде жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үймө-үй кыдырышып «Жарамазан» айтышат. Ырдын мазмуну негизинен үй башчысынын инсандык сапатын даңазалоо, ата-бабасынын эмгегине баа берүү, үй-бүлөсүнүн байлыгын мактоо, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилеп, майрамы менен куттуктайт. Ыр учурашуу, мактоо, суроо же кайыр суроо, жакшылык каалоо сыяктуу бир нече бөлүктөн түзүлөт, туруктуу сөздөрү бар, бирок жамакчылык да бар. Мисалы:

Кочкор мүйүзү кара, жаркырайт экен,

Биз ушул үйүгө туш келдик,

Теке мүйүзү ийрилген, узун экен, Байдын үйүнө туш келдик.

Уйкуда жаткан байке,

Корооң малга толсун, Үй-бүлөң аманчылыкта болсун.

Жарамазан айтып келдик эшигиңе.

Ак кочкордой уул берсин бешигиңе.

Рамазан айы он беш күн өттү,

Кара коңур тай минип,

Жаш жигиттер менен,

Үйүңүзгө бакыт тилеп биз келдик. Бизге берген садага, Көзгө көрүнөрдүк болсун! Байбиченин жегени,

Сары май менен нан болсун. Ичкениң ысык,

Сүт чай болсун.

Боз үйдүн түндүгү ашталып ийилген талдан экен, Оозубуз кургап барат!

Түндүктөн жаркыраган ай көрүнөт, Боз үйүң көрктүү экен. Тоолуу айылда,

Иттин үргөнү жаңырат, Бактылуу жылдызды, Алып келдик эшигиңе!

Бай айтат короомдон кой берем деп,

Байбиче айтат бокчомдон тон берем деп,

Кызы айтат сандыктагы байлыкты берем деп, Уулу айтат теректе байланган атты берем деп.

Атыңдык такасы алтындан болсун,

Тонуңдун жакасы саймалуу болсун,

Атыңдык такасы күмүштөн болсун, Тонуңдун жакасы алтын жибектен болсун.

Бай көңүлү жай болсун,

Балаңдын мингени,

Кулагы жаңы толгон айдай тай болсун.

Жаккан арчаң жыл бою өчпөсүн! Орозо айында жакшы тилек айтып келдим, Бергениң чөнтөгүбүздү толтурсун. Күчкө толгон жигитбиз, Эчки, кой, жылкы айдайбыз! Улак берсең албайбыз, Убалына калбайбыз.

Козу берсең чанбайбыз,

Койго кошуп айдайбыз.

Курут берсең туруп бер.

Жигиттин каалаганы кемел кур, Жашына да гүлдүү кол аарчы бер.

Алгачкы мезгилде, Жарамазан айтуунун негизги максаты ислам таалимдерин жайылтуу болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен ал кыргыз элинин тиричилик каада-салттары менен жуурулушуп, мазмуну бир топ өзгөргөн, үй ээсинин кулк-мүнөзүн даңазалап, ата-бабалардын эрдиктерин айтып, анын үй-бүлөсүнө бакыт, ден соолук, тынчтык калоонун бир түрү болуп калган. Кээ бир элдик ырчылар жамактап көптөгөн ырларды жаратышкан, анын көркөмдүлүгүн бир топ өркүндөтүп, кыргыздын элдик ырларынын бир түрүнө айланган жана эл арасында кеңири жайылган. Жарамазан ырынын мазмуну саламдашуу, үй ээсин мактоо, Ислам динин даңктоо, садага суроодон турат. Үй ээси ырчыга садага бергенге чейин ырчы токтобой ырдашы керек, садага алгандан кийин ыраазычылыгын билдирип бата берүүсү керек.

Курман айт орозодон кийин жетимишинчи күнү белгиленет, ислам календары боюнча 10-декабрда өткөрүлөт. Кыргыздар Курман айтты ислам динин кабыл алгандан кийин майрамдап баштаган. Ал Орозо айтка караганда чоң салтанат менен өткөрүлөт. Адатта кыргыздар ислам календары боюнча «Зу-ль-хиджжа айынын» (он экинчи айы) онунда майрамдалат, бул да Исламдын беш парзынын бири болгон ажылыктын акыркы күнү болуп эсептелет. Майрамга чейин ар бир үй-бүлө майрамга карата ар кандай тамак-аштарды, таттууларды даярдап, үйдү, короо-жайды тазалап, майрамдык кийимдерди даярдашат. Майрамдын таңында эркектер даарат алгандан кийин мечитке барышып намазга жыгылышат, андай кийин курмандыкка ирик союшат. Курман айтта курмандык чалуу байыркы арабдардын салты болгон. Ибрагим жөнүндөгү уламыштан келип чыккан деп айтылат. Уламыш боюнча, Ибрагим пайгамбар курмандыкка көп мал чалган. Алла Таала анын берилгендигин сынап көрүү үчүн түшүндө уулу Исмаилди курмандыкка чалууну айтат. Эртеси Ибрагим уулу Исмаилди Меккенин четиндеги Мина өрөөнүнө алып барат. Ал уулун курмандыкка чалайын деп жатканда, Алла Таала Жабраил периште менен курмандыкка чалуу үчүн койду жиберет. Байыркы арабдар бул уламыш боюнча, жыл сайын Курман айт майрамында мал союп, курмандык чалып турушкан. Мухаммед бул салтты улантып «Курман айт» деп атаган, аны ажылыктын ырымдарынын бири катары бекиткен. Майрам күнү малчылар таңга маал туруп, бүт үй-бүлө даарат алышып, мечитте же жайлоодо намазга жыгылышат, аялдар эркектер менен бирге мечитте жана башка жерлерде намаз окушпайт. Кыргыздар майрамдык кийимдерди кийип, бири-бирине барышып майрамдашат. Майрамдык маанай тартуулоо үчүн кээ бир адамдар үйлөнүү тойду жана башка кубанычтуу тойлорду ушул күнү өткөрүшөт. Майрамда адамдар ат чабыш жана улак тартыш сыяктуу оюн-зоокторду уюштурушат. Майрамдоо, адатта, бир нече күнгө созулат жана адамдар кубанычтуу маанайга чөмүлүшөт. Жалпысынан үч күндөн он беш күнгө чейин созулуп, мазмуну жагынан Орозо айтка караганда бай келет. Бул майрамда сөзсүз түрдө ошол жылы туулган кара ирикти союш керек. Кыргыз динчилдери жыл сайын туут мезгилинен тартып майрамга даярдык көрө башташат, курмандыкка чалына турган малды тандап коюшат. Курмандыкка союла турган малды уруп, сатууга, каалагандай союуга болбойт, эгер тандалган мал өлүп калса, башкасын тандап алса болот. Бай үй-бүлөлөр бир нече мал союшат.

[1] «Кыргыз улутунун элдик ырлар жыйнагы», Кызыл-Суу кыргыз тил басмасы, 2004, 17-б.

Тогузунчу бөлүк. Улуттук спорт оюндары

Кыргыз улуттук спорт жана улуттук оюндарынын 50 ашык түрү бар. Негизги түрү жана мааниси боюнча үч түргө бөлүнөт: Спорт түрү, ат чабыш, көк бөрү, аркан тартыш, күрөш, коён секириш, бир буттап чуркоо ж.б.; Интеллектуалдык түрү, тогуз коргоол, чатырыш, чүкө бекитүү, батберек ж.б.; Оюн-зоок түрү, жар издемей, көз таңмай, шакек жашырмай ж.б. Мындан тышкары, катышуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша карылар оюну, жаштар оюну жана балдар оюну деп бөлүүгө болот. Аты бар жогуна жараша аттын үстүндөгү оюндар жана басып жүрүп ойноолучу оюндар деп да бөлүнөт.

Кыргыз оюндарында ат чабыш, жорго салыш, оодарыш, тыйын эңмей, көк бөрү, балбандар күрөшү, ордо ж.б.у.с. өжөрлүктү, күчтү, ат минүү ыкмасын, тапкычтыкты талап кылат. «Козу алуу», «таяк менен уруу» («кой жана карышкыр» деп да аталат), «малчы» сыяктуу оюндар кыргыздардын мал чарбачылык ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышта. Коомдун өнүгүшү менен кыргыз элинин оюндары да өнүгүп, өзгөрүп жатат. Көптөгөн оюндар иретке салынып жана жайылтылган. Мисалы, ат чабыш, улак тарыш, оодарыш жана башкалар Кытайдын мамлекеттик дене тарбия спорт түрүнүн катарына киргизилген.

Кыргыз улутунун ар бир майрамы жана башка салтанаттары ыр-бий өңдүү оюн-зоок иш-чаралары менен коштолот, андан тышкары ат чабыш, улак тартыш, кыз куумай, оодарыш, күрөш, ай алдында буюм издөө, ордо сыяктуу оюндар өткөрүлөт.

Ат чабыш – кыргыз элинин эң кеңири тараган мелдеши, ошондой эле эң кызыктуу оюн. Мелдеш өткөрүлгөндө аттын жалы менен куйругу түрдүү түстөгү жибек жана кездеме үзүндүлөрү менен кооздолот. Чабандестер түстүү майрамдык кийимдерди кийишип, баштарына кызыл кездемени орошот. Жарышты баштоо белгиси берилгенде аттар чуркап жөнөйт, алыстан караганда чагылгандай көрүнөт. Жарыш жалпысынан 20–30 километрге созулат. Мурда ар бир уруудан, улуттан же айылдан бир нече калыстар тандалып, жалпы сынакка төрагалык кылышкан. Калыс адегенде чабандестерди марадан жарыш башына алып келет, андан соң жарышты баштоо белгиси берилгенде чабандестер жарыштын башталуучу ордунан чыгышат. Чабандестер атты чабышып, аттын көзү жагындагы терин аарчышат, анткени тер аттын көзүнө кирип ылдамдыгын жайлатат. Чабандестер марага жетээр кезде көрүүчүлөр кубанычын билдиришип кубаттап дем беришип, абдан кызуу маанайда болушат, бүтүндөй майдан шаттыкка бөлөнөт. Байыркы салт боюнча ат чабышта биринчиликти алганга тогуз күмүш куйма, тогуз төө, тогуз тай, тогуз козу берилген, бул жеңүүчүнүн даңкы гана эмес, бүтүндөй айылдын жана уруунун даңкы болгон. Ошондуктан жеңүүчүнү айылдын жана уруунун көрүнүктүү инсандары, тууган-туушкандары, достору кезек-кезеги менен кой союп, эт бышырып сыйлашкан, саяпкерге да сыйлыктар берилет. Кытайдын тарыхый маалыматтарына караганда, Таң доорунда батыш чөлкөм жайлоолордо жашаган көчмөндөр ар жылдын башында 7 күндүк ат чабыш өткөрүшкөн. Мындай оюндагы жеңиш же жеңилүү менен ар бир уруунун жылдык өндүрүшүнүн молдугун алдын-ала айтууга болгон. Юань, Мин жана Цин доорунда ат чабыш менен аскердик кызматты айкалыштыруу түзүлүшү болгон. Бул салттуу спорт майрамдарда жана салтанаттарда уюштурулган, ошондо эки тараптын чабандестери жарышка мыкты аттарды тандашып катышышкан. Жарыш башталганда чабандестер аттарды камчы менен чапканы гана көрүнүп, куюндай зымырап, өтө тездик менен атты чабышып, өздөрүнүн эрдигин көрсөтүшөт.

Улак тартыш – кыргыздын жаштары өзгөчө жакшы көргөн спорттук оюн. Бул күч сынашуунун, акылдын да мелдеши. Улак тартышта эрдик гана эмес, ат минүү, ат таптоо ыкмасы да каралат. Улак тартыш башталганда, калыс чабандестерди эки топко бөлүп, ар бир топто алтыжети киши, эң көп дегенде чейин жыйырма же отузга чейин болгон. Андан кийин улакты мууздап, башын кесип салып, ичеги-карынын да алып салып, аны аянтчанын так ортосуна таштайт. Белги берилгенде мелдештин катышуучулары жебедей учушуп улакты басып калышат.

Алардын ичинен эң шамдагайы, улакты биринчи эңип алып, атын чаап жөнөйт. Башка чабандестер кайдан ырайым кылышсын, кээ бири башын ылдый каратып, белин ийип атты минсе, кээ бири үзөңгүгө жашынса, кээ бири капысынан аттын сол капталына ийилип же оң капталына жабышып улакты талашышат. Айыгышкан таймашта кимдин ат чабуусу мыкты болсо, улакты кайра жулуп, ээрдин алдына салып качып жөнөйт. Кээде түштүккө, бирде түндүккө, күтүлбөгөн жерден чыгышбатышты көздөй жөнөшүп, белгиленген аянтчанын чегинде зымырап жүрүшөт, ар кандай жолдор менен «душмандын» куугунтугунан кутулууга аракет кылышат. «Душман» аны коомчулуктун сынынын бутасы катары көрүп, тынымсыз артынан кууп жүрөт. Карап турган эл камчысы менен булгалап кубаттап үн салышат, өзү тандаган топту колдоп турат. Бул көрүнүш көңүлдү көтөрүп, адамды толкундантат. Акырында, улакты тартып алган чабандес, аны бек кармап, курчоодон акылмандык менен чыгып, белгиленген марага алып келип таштаган топ чоң жеңишке жетишет. Жеңгендер байге алат, жеңилгендер кой союшуп сыйлашат. Улак тартыш оюну жөнүндө, кыргыздарда жүрөк козгоорлук уламыш бар: Уламыш боюнча, Манас баатыр калмактарга каршы согушканда, 40 чорону жетектеп, душман менен салгылашып жатканда, душмандар деңиздин түбүнөн айды кармоо ыкмасын колдонуп, мал-мүлкүн талап-тоношуп, ат үстүндө бир капталга ийилүү ыкмасын колдонушуп аскерлерди өлтүрүп, аялдарды жана балдарды талап-тоноп жатканын байкайт. Душманды жеңиш үчүн Манас 40 чоросун экиге топко бөлүп, бир улакты колдонуп душман менен күрөшүүнү үйрөткөн. Алар сокку урушуп, коргошуп, талашып тартышып 40 күн-түн бою машыгып, акыры өнөрүн өркүндөтүп, душманды талкалап, мүлкүн кайтарып, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып, согуштагы жеңишин жана Манастын тапкычтыгын эскерүү үчүн эл акырындык менен аскердик машыгуунун ыкмасын азыркы көк бөрү оюнуна айландырган[1].

Эр жүрөк, чабандес баатырды, ат үстүндөгү мелдештин мыкты чеберди кыргыз эли кадырлап жана сыйлайт. Ошондой эле кыргыз кыздарынын түгөй тандоодогу биринчи тандоосу жана умтулган адамы. Кыз куумай оюну мындайча өткөрүлөт: Адегенде жумшак тегиз талаа же аянт тандалып, башталыш чегин жана марасын аныкташат. Кыз менен жигит атка отурушуп марага чейин кубалаша ат салышат. Кыз алдыда ат салып, жигит анын артынан ат менен кубалап жөнөйт. Эгер жигит кыздан озуп өтүп, марага биринчи жетсе, анда кыздын түгөйү болгон. Тескерисинче, белгиленген жерге кыз биринчи жетсе, жигит сылыктык менен алысыраак болот, кайрадан өз ыкмасын машыктырат. Кээ бир жигиттер кызды кууп жетип, кыз менен жанаша басып, ички сырын айтып, өмүрлүк түгөй кылууну чечет, анан расмий түрдө кыздын колун сураш үчүн жуучуну чакырат. Кыз куумай оюну алардын бактылуу келечегинин күбөсү болуп калат. Эң кызыгы, казактарда да ушундай таймаш оюну бар, бирок аларда жигит алдыда ат чабат, кыз анын артынан кубалайт, ошондуктан «Кыз куумай» эмес «Кыз кууйт» деп аталат.

Оодарыш – кыргыз элинин массалык спорттун түрү. Бул оюнга катышуу үчүн эч кандай курактык же жыныстык чектөөлөр жок. Оодарыш – ат минүү чеберчилигин жана эрдикти көрсөткөн тирешүүчү спорттун түрү. Ал адам күчү менен аттын күчүн туура айкалыштырууну талап кылат. Негизинен эки адам беттешет, бирин-бири аттан оодара тартып түшүрүшү керек, акыл жана эрдик менен кармашышат, коркунуч ыраты менен жаралат. Кыргыздардын «Манас» баатырдык эпосунда оодарыш мындай сүрөттөлгөн: «Эр күрөшү оодарыш, Оодарышып, сайышып, Ортого чыгып көпкөнү, Катуу болду оодарыш, Бирин-бири алган жок, Ат үстүнөн оодарып, Мүдүрүлүп аттары, Кеткени жок ажырап». Оюндун башталышында калыстын жетекчилиги менен эки оюнчу аянтчага чыгышат, алар ат үстүндө бири-бирине жүгүнүшүп саламдашышат. Эгерде катышуучулар аялдар болсо, эки тарап ат үстүндө кучакташып, бетинен өөп достуктукту билдиришет. Белги берилгенде эки тарап атын ар башка тарапка карай чаап, кайра артка бурушат, бири-бирин жек көргөн арстанга окшошуп , оозуна камчыны алып биринбири көздөй зымырат жетип келишет, бир колу менен атаандашынын билегинен бекем кармап, аны өзүн көздөй тартат. Оодарыш кызуусуна жеткенде, эки тараптын башы үзөңгүнүн эки капталына кыйшайып, катышкандар жана аттар да энтигип, кара терге түшүшөт. Акырында ким биринчи атаандашын аттан оодарып тартып түшсө, ошол адам жеңишке жетет. Оодарыш учурунда бири-биринин баштан, моюндан, белден, буттан ж.б. кармоого болбойт, ошондой эле атынын жүгөнүнөн же башка жерлерин да кармоого болбойт, кол шилтеп качууга же каршылашын башка жолдор менен кемсинтүүгө болбойт. Кимде-ким бири-бирин кемсинтсе же тилдесе, оодарышка катышуу укугунан биротоло ажыратылат. Оодарыш аяктагандан кийин эки тарап аттан түшүп, бири-бирине таазим кылышат же кучакташып достукту билдиришет. Жеңүүчү төө, жылкы жана тогуз козу сыяктуу байге алат.

Ордо-кыргыздардын байыркы оюну. Оюндун бул түрү көбүнчө аянты жагынан кичинекей келген тегиз жерде өткөрүлөт. Мелдештин алдында оюнчулар 5-10 адамдан эки топко бөлүнүп, андан соң тегиз жерге диаметри 10 метрдей келген тегерек аянтча чийилет. Тегеректин ортосуна тайыз чуңкур казылат, ал ордо болот. Чуңкурга бир күмүш тыйын салынат, ал ханды билдирет. Андан кийин чуңкурдун тегерегине 20-30 чүкөлөр салынат, алар ордонун коргоочулары. Оюндун башында калыс күмүш тыйынды жерге ыргытып, кайсы тарап биринчи ойноорун чечет. Андан кийин ар бир оюнчу тегеректин айланасында белгиленген орунда туруп, өгүз мүйүзүнөн жасалган абалак менен тегеректин айланасындагы чүкөлөрдү бир-бирден сыртка карай атып чыгарат, ал коргоочулардын жок кылынганын көрсөтөт. Эгерде оюнчу бир чүкөнү атып чыгарса, анда ал экинчи жолу да атса болот, экинчини да атып чыгарса, үчүнчү жолу катары менен чаба алат, бул бардык чүкөлөрдү атып чыгарганча чейин уланат. Эгерде оюнчу бир нече чүкөнү атса же бир чүкөнү атып жатканда башка чүкөгө тийсе, анда ал катары менен чүкөнү чыгарып кете албайт, экинчи топко кезек берилет. Эгерде бир чүкөнү атып чыгарса, ал эми абалагы башка чүкөнүн жанынан 20 см аралыктай жерге түшүп калса, оюнчу тегерек сызыгына кирип, бир буту менен жерге чөгөлөп, бир колу менен акырын абалакты көтөрүп жакын турган чүкөнү атса болот. Бирок бул учурда бир гана жолу гана атканга уруксат берилет. Эгерде оюнчу кокустан сызыктан чыгып кетсе, бир жолу чүкө атуу укугунан ажыратылат, ал эми үч жолу катары менен басып алса, ал мелдешке катышуу укугунан ажыратылат жана мелдештен четтетилет. Чүкөлөрдүн баары атып чыгарылгандан кийин эки тарап чуңкурдагы күмүш тыйынды атып чыгарганга аракет кылышат, биринчи болуп күмүш тыйынды атып чыгарган топ жеңишке ээ болот. Ошентип, ордо айланасындагы бардык коргоочулар жок кылынып, ордону алышат, хан колго түшүрүлүп оюн аяктайт. Уламыш боюнча, Ордо оюнун келип чыгышы мындай: Илгери кыргыз урууларына башка улуттар көп кол салып турушкан. Кийин кыргыздардан көрүнүктүү баатыр хан Манас чыгат, ал кыргыздын ар кайсы урууларына баш болуп, акыры канкор баскынчыларды жеңишкен. Алар баатырдык менен баскынчыларды ордосуна чейин кууп барышып, алардын ордосун курчоого алышат. Бул күнү Манас кол алдындагыларды, аскер башчыларды коноктойт, ал капысынан шаарга чабуул жасоо боюнча амалын айтат. Түшүнүктүү болуш үчүн сөөмөйүн шарапка малып дасторконго чоң тегерек чийип, бул душмандын сепили деп айтат, ортосуна күмүш тыйынды коюп, ал душмандын сарайындагы ханды белгилейт. Досторкондогу чүкөлөрдү алып ордонун күзөтчүсү катары колдонот, аларды багыт боюнча бирден тизип чыгат. Ал томпокту алып, өзүнүн чабуулчусу кылып, томпок менен атып, чүкө менен коргоп, бирде алдыга жылып, бирде артка кайтып, чабуул жасап, коргонуп, уруу башчылары жана аскерлери менен кеңешип, бир нече жолу кайталашып жана чабуул жасоонун ыкмасын өзгөрткөндөн кийин, акырында ар бир чүкөнү атып чыгарышып, ортодогу күмүш тыйынды да тегерекчеден чыгарышат. Ошентип ордого чабуул коюунун жобосу түзүлүп, душмандын ордосун тез эле басып алышкан. Бул жеңишти даңазалоо үчүн байыркы кыргыздар жайгаштыруунун бул түрүн туурап, Ордо оюнун түзүшкөн, ал бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет[2].

Тыйын эңмей – кыргыз аймагындагы эң белгилүү салттуу оюндардын бири. Ар кандай түрү бар, алардын арасында белгилүү түрү – жалгыз оюн, топтук оюн жана эркин оюн. Оюнга жаш жигиттер, жаштар, эрге жеткендер, карылар катыша алат, эркек жана аял оюнчулар болот. Оюн учурунда, оюн талаасына кичинекей чуңкур казылат, ага күмүш тыйын, гүл жана башка буюмдар салынат. Катышуучулар атка минишип чуңкурдан 100 метрдей алыстыкта турушат. Белги берилгенде, мелдештин катышуучулары чуңкурдагы буюмдарды эңүү үчүн атып чаап жөнөшөт. Бул жалгыздан ойногондорго тиешелүү. Топтук беттешүүлөрдө эки же андан көп оюнчу бир топту түзөт. Белги берилгенде эки топ чуңкурга карай атын чабышып, биринчилерден болуп буюмду алган топ жеңүүчү аталат. Бул жарышта кайсыл түрү колдонулбасын, бир эңгенде ийгиликтүү түрдө алып кетиш керек, ат ылдамдыгын басаңдатууга, убакытты созууга, белгиленген аралыкты өзгөртүүгө, аттан кулап түшүүгө болбойт. Эгер аттан жыгылып түшсө, бир жолу эңгенге уруксат берилет. Тыйын эңмей оюну чабандестин ат минүү жөндөмүн жана шамдагайлыгын сынаган спорттук оюн болуп саналат.

Төө чабыш – кыргыз элинин байыркы элдик спорт түрү. Таң доорунда кыргыздарда төө чабыш, ат чабыш, атчан жүрүш сыяктуу элдик оюндар өтө өнүккөн. «Таң династиясынын жаңы тарыхы: Сяцзясы баяны» аттуу булакта Таң доорундагы сяцзяцы элинин оюндарына ат өнөрү жана төө оюну киргени айтылат. Төө оюну – бүгүнкү төө чабышы. Төө чабыштын масштабы ар кандай, үч-беш, көп дегенде жүзгө чейин болгон, адатта ондогон төө болот. Катышуучулар негизинен жаш улан-кыздар. Оюнга катышкан төөлөрдүн баштарында түркүн түстүү жибек байланган жана төөгө кооз жабууларды жабышкан. Ал эми катышуучулар көбүнчө ачык түстөгү кызыл, жашыл, көк же сары кийим кийишкен. Төө чабышы көбүнчө алыскы аралыктарга чейин созулат, жалпысынан 1000 метрден ашат, эң узун аралыгы мириаметрге чейин жетет. Кыргыз улутунун төө чабышы бир нече жолу көрсөтмө спорт түрү катары ШУАРдагы улуттук азчылыктардын салттуу спорт оюндарына катышкан.

Жар издемей көбүнчө чоң салтанаттарда же үйлөнүү үлпөтүнөн кийин өткөрүлөт, улуттук өзгөчөлүктөргө ээ. Оюн башталганга чейин сөзгө чебер келген адамды оюндун алып баруучусу катары «ханды» тандашат. Катышуучулар жигит жана кыздан турган эки топко бөлүнөт, бирок эки топтун саны бирдей болбошу керек, сөзсүз түрдө бир жигитке же бир кызга көбүрөөк болот. Оюндун башталышында «хан» адегенде улан-кыздарды оң-сол тарапка тизилип турууга буйрук берет, андан соң тамашага салып «Хандыктын гүлдөп-өсүшүнө, менин вазирлерим, өзүңөрдүн жарыңарды таап келгиле!» деп айтат. Анан оюнга катышкандар дароо жан шеригин табууга жөнөшөт, анан эки-экиден «хандын» алдына келишип ыраазычылыгын билдиришет. Бул учурда жарын таппаган адам жалгыз турууга аргасыз болот, «ханга» барганга батынбайт. «Хан» адегенде жарын тапкан улан-кыздарды мактап, андан соң жар таппаган адамды өзүнө чакырып, тамашакөй, күлкүлүү сөздөр менен шылдыңдап, анан ага ыр ырдап, бий бийлеп, жомок айтып же тамаша айтуу сыяктуу жазаларды берет. Хан андан: «Байкуш адам ай, сен кимди жар кылгың келет?» деп сурайт. Анан ал жүрөгүнө жаккан адамды көрсөтөт. Албетте, тандап алган жарынан эч ким баш тартууну каалабайт. Ошентип эки тарап жары үчүн тынымсыз талашып, ханга даттанышып, андан чечим чыгарууну суранышат. Хандын тамашалуу суроосу, эки тараптын айыгышкан каршылыгы, талашка түшкөн адамдын сыпайы баяндоосу элди кызыктырат. Мындай кер-мур айтышуудан жеңилген адам ырдап-бийлеген жазага тартылбастан, жарынан да баш тартышы керек. Хандын өкүмү эки ача болуп адилетсиз болсо, ал да жазаланат. Бул оюндун көлөмү чоң, катышуучулардын саны да арбын, мазмуну жандуу, өзгөчө күлкүлүү талаш-тартыштар, тамашалуу жооптор, жалындуу билдирүүлөр, төп келген салыштыруулар, күлкүлүү суроолор көпчүлүктү күлкүгө бөлөйт.

Шакек жашырмай оюнунда катышуучулардын санына чек жок, жигиттер да, кыздар да катыша алышат. Оюндун башталышында катышуучулар өгүз мүйүз формасында жанаша отурушат, ар бир адам колун тизесине коюп, алакандарын өйдө каратышат. Оюндун алып баруучусу ар бир адамдын жанына барып, шакек салуу кыймылын жасагандан кийин башкаларды чаташтыруу үчүн колун жашырууну суранат. Анан кайра ордуна келип отуруп, үнүн катуу чыгарып: «Алтын шакек, учуп чык» деп айтат. Бул убакта шакек жашырган адам тез ыргып туруп, алып баруучунун жанына келет, ошондуктан анын оң жагында отурган адам жазаланат. Эгерде шакек салынган адам жанында отурган адам тарабынан кармалып калса, андан ал жазаланат. Туура эмес адамды кармап алса, анда өзү жазаланат. Бул оюн чымырканууну талап кылат. Оюнга катышкан ар бир адам оң жана сол жактагы адамдарды кылдаттык менен байкап, тез чечим чыгарышы керек. Шакек жашырган адам сабырдуу, токтоо болушу керек, эгер бир аз толкунданса, ал байкалып калат. Бул оюнду ойноонун дагы бир ыкмасы бар: Алып баруучу шакекти башка бирөөгө же өзүнө салышы мүмкүн, анан кимдир бирөөнү шакекти таап берүүгө чакырат. Бул учурда баары шакек салынгандай түр көрсөтүп, колдорун арттарына катышат. Шакек издеген оюнчу ар бир адамдын жүзү боюнча акыркы чечимди чыгарышы керек. Белгиленген убакытта шакек салынган адам табылса, анда ошол адам жазаланат. Эгер туура эмес тапса же белгиленген мөөнөттө таппаса, анда ал өзү жазаланат. Жогорудагы эки түрү башка болсо да, жазалангандар ырдап, бийлеп, тамаша айтып, жомок айтып, канаттууларды туурашы керек.

«Ай астында чуркоо» – кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Манас доорунда кыргыз улутундагы аялэркек бир дасторкондо тамак ичкенге, бир аянтчада оюн ойногонго мүмкүн эмес болгон. Кыз-келиндер эл алдында көрүнүшкөн эмес. Бир жолу Манас согушта жеңишке жетип, уруулар чогуу жеңишти майрамдашат, бирок эркектер гана катышып, аялдар алыстан гана карашып, катышууга укугу жок болгон. Манас муну көрүп, аны өзгөртүүгө бел байлайт. Ал аялы Каныкейден күүгүмдө аялдар үчүн эркектерсиз майрамдык иштерди уюштурууну өтүнөт. Ошондон тартып аялдарда эркектер катыша албаган ар кандай оюндар пайда болгон. Каныкей уюштурган биринчи иш-чара «ай астында чуркоо» оюну болгон дешет. «Ай астында чуркоо» оюну көбүнчө чоң салтанаттарда, тойлордо өткөрүлөт. Аны айымдар өздөрү уюштуруп, жаш курагына жараша бир нече сынактык топторго бөлүшөт. Мелдештин катышуучуларынын саны ар бир топто бирден, кайсы топ биринчи орунду көп алса, анда ошол жеңишке жетишет. Бул оюн кийинчерээк өзгөрүлүп, чуркоодон тышкары жарыш жолунда тоскоолдуктар да коюлган, байгелерди коюшкан, жарыш учурунда жип менен секирүү жана оордук көтөрүү да талап кылынат. Кээ бирлери мелдештин татаалдыгын жана кызыктуулугун жогорулатуу үчүн терең суулары, арыктары жана дөңсөөлөрү бар жерлерди тандашкан. Ай астындагы жарыш чуркоонун, ылдамдыктын, күчтүн, кайраттуулуктун, секирүүнүн таймашы. Катышуучулардын баары аялдар жана ал айдын жарыгында өткөрүлгөнү үчүн ого бетер кызыктуу.

Кыл бука – кыргыз улутунун элдик спорттук түрү, ал малчылык аймактарда кеңири тараган. Оюндун тартиби: Эки киши узундугу 4 метрдей болгон буканын жибин эки учунан бекем түйүп, аны буттарынын ортосунан өткөрүп моюндарына илишет, анан экөө жерге жатышып, баштары сыртка, колдору, буттары менен жерди таянып турушат, ар биринде жетүүчү чекити болот. Алып баруучу белги бергенде, экөө кол-буттарын колдонуп, моюндары менен катуу тартышып алдыга карай жылышат, ким биринчи белгиленген чекитке жетсе, ошол адам жеңет.

Селкинчек тебүү-кыргыздардын салттуу оюндарынын бири, кыз-келиндер өзгөчө жакшы көрүшөт. Кыргызча «алтыбакан» деп аталат, алты бакандан тургузулган деген маанини билдирет. Башкача айтканда, селкинчек үчүн алты баканды тургузуп, аны аттын жалынан же кара куурайдан жасалган жоон аркан менен бекем тартышып байлашат. Тарыхый маалыматтар боюнча, Кытайдын Чуньцю мезгилинде (б.з.ч.770-476 жж), Кытайдын түндүгүндөгү улуттарда селкинчек тебүү адаты болгон. Кыргыз элинде селкинчек кырсыктан сактайт, бала-кыздар селкинчек тебишкенде бойлору узун болушат, карылар тепсе өмүрү узун болот деген кеп бар. Кыргыз селкинчектер жалгыз, кош жана көп кишилүү болуп бөлүнөт.

Ак терек, көк терек – үйлөнүү үлпөтүндө көтөрүлгөн оюн. Оюн башталар алдында катышуучулар бирдей эки топко бөлүнөт, ар бир топ тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Эки топ маңдай-тескей эки бөлөк тизилет, 20-30 метр аралыкта турушат. Оюндун башталышында эки топтун ар биринин аты болот, бири «ак терек», экинчиси «көк терек» деп аталат. Алар кимди чакырарын чечишет. Анда досту ким биринчи кармарын чеч. Мисалы, «Көк терек» тобу биринчи баштаса жапырт үн менен: «Ак терек, ак терек, бизден сизге ким керек?» дешет. «Ак терек» тобу чогуу: «Сизден бизге сулуу Ташгүл керек» деп жооп кайтарышат. Аты аталган кыз жүгүрүп келип ак терек тобун үзүп, алардын катарынан бир оюнчуну жетелеп өз тарабына кошуп алат. Эгерде ошол топтун катарын үзө албаса, анда ал ак терек тарапка кошулат. Көк терек тарап болсо чогуу ырдашып, бийлешип жеңилгенин моюнга алышат. Андан кийин оюн андан ары уланат.

Карышкырдан сактануу оюн – кыргыз элдик оюн. Ошондой эле «Карышкыр жана кой» деп деп аталат. Бул малчылардын байыркы оюну. Оюн учурунда тегиз жайлоодо тереңдиги 5 см, диаметри 10 см болгон чуңкур казылат. Катышуучулардын санына жараша ортоңку чуңкурдан 1 метр аралыкта бир нече чуңкур казылат. Ал эми алардын ичинен чуңкуру жок оюнчу карышкыр кууган адам болот. Оюндун жүрүшүндө ар бир оюнчу таякчасы менен кичинекей чуңкурду ээлеп турушат. Карышкыр кууган оюнчу тегерек ташты «карышкыр» катары колдонуп, аны ортоңку чуңкурга ыргытат. Тегеректеги кичинекей чуңкурлар «карышкырга» карай ылдамдык менен чабуул коюшат, ага «карышкырды» чоң чуңкурга кирбегендей кылып тоскоолдук көрсөтүшөт, ал эми «карышкыр кууган» ошол учурду пайдаланып алардын чуңкурун басып алат. Эгер «карышкыр» тарабынан чуңкуру ээленип калса, анда ал «карышкыр кууган» оюнчуга айланат. Эгерде «карышкырды» кууган оюнчу «карышкырды» ортоңку чуңкурга таштап жатканда, карышкырга чабуул жасаган оюнчу саат жебеси боюнча чуңкурду алмаштырат. Орун алмаштырууда «карышкыр кууганы» чуңкурду басып алса, карышкыр чабуулчу да «карышкыр куугунчу» болуп калат. Бул оюн абдан толкундуу жана курч келет.

Томук жашырмай – кыргыздардын байыркы элдик оюну. Бүгүнкү күнгө чейин абдан белгилүү. Бул оюн кыргыздардын кыштоодон жайкы жайытка көчүү алдында өткөрүлөт. Бардык айыл эли чогулуп эт жешет, кимге койдун кашка жилигинин башындагы томугу тийсе, ал отурган коноктор менен мелдешет. Чүкө чертүү ыкмасы менен атаандашы табылат. Атаандашын тапкандан кийин томукту жеген адам, аны эки колу менен кармап элдик ырды ырдайт, анан томукту башкага берет, баары ырдап бүткөндөн кийин кийинки жолугушуунун күнүн белгилешет. Келерки жылы малчылар бийик тоолуу жайкы жайытта жашашып, кыштоого көчөрдө дагы бир жолу отурушат, ошол учурда томукту алган адамды көргөндө, томук берген адам андан сурайт: «Томукту алып келдиңби?» Сураганда тезинен томукту алып чыгып көрсөтүп, ага сунуп томукту алып келгенин айтат, ага бакыт тилейт, анан суроо берген адам конок тосуп сыйлашы керек, эгерде суроо берилген адам томукту көрсөтө албаса конокту өзү тосушу керек болгон.

Макелей Өмүрбай Кармыштегин

[1] «Шинжаң Уйгур автоном районун адабий жыйнагы» редакциялык тобу: «Кыргыз улутунун каада-салты», Улуттук басмасы, 2009, 65-б.

[2] «Шинжаң Уйгур автоном районун адабий жыйнагы» редакциялык тобу: «Кыргыз улутунун каада-салты», Улуттук басмасы, 2009, 67-68-б.

 

КИТЕПКЕ БАШТООК СӨЗ

Жакшынын ээси – акыл. Бул кеп бардык нерсенин ээси болот дегенден улам, жакшынын да ээси бар болду бекен? деген ой менен айтылып олтурат. Бар экен. Жакшыга ээ болуп, жакшыны «бөпөлөп» көтөрүп, жакшыны таанып, жакшы менен жанашкан сынчылык экен. Сынчылык акыл ченине салып жакшынын бардыгын сынга толтуруп, жакшы менен сапатты көтөрүп берген, жакшынын жана сапаттын ээси как ошол экен. Бул китепти барактасаңыз, сынчылык адамдын тогуз жакшысы, аттын тогуз жакшысы, куштун (канаттуунун) тогуз жакшысына жанаштырат, соңунда, жакшынын жарашыгы болгон «көчөт маданияты» менен ыроолотот. Ошондой тогуздаган жакшыларга элин жанаштырган, ички духун жасалгасына «көчөттөгөн» кыргыз акылына, ал акылды түйгөн, сынчылык, узчулук (көчөт) маданиятына таазим эткендер бул китепке шыбагалаш болот.

Ата-баба акылынын бир мурасы сынчылык жана көчөт маданиятында сакталып, ал «Кыргыз билим китебинде» («Манаста») катылуу жүргөн экен. «Билим китепте» сынчылыктын чени, өлчөмү бурчалбай келиптир. Адамдын эң жакшысы – айкөлдүк; Аттын эң жакшысы – калбыр өпкө, жез билек; Куштун эң жакшысы – туйгун экенин, көчөт маданиятынын көркү атка «жебилгеси жер чийген башайы үртүктөн», көчүнө «жебилгесин чубалткан калы килем жаптырган» санжыргалуу маданият бизге уланыптыр.

Ушул күндө, ата-бабанын сынчылык маданиятын аңсаган, самаган адамдар бул китепке баш бакса, жалпы эки бөлүм: биринчи бөлүмдөгү «адам сынчылыгы», «ат сынчылыгы», «канаттуулар сынчылыгы», экинчи бөлүмдөгү «көчөт маданияты» деген бөлүктөрдөн сынчылык маданияттарын, көчөт маданиятын көрө алат.

Сынчылык маданияты «адамдын күндө адам болуусунун» (Ч. А.) ички рухий чендерин, тышкы өң, бой сындарын кандай алып жүрүү маданиятын көрсөтөт; Бабалардын ат минүү, куш салуу маданияттарын билүүгө жетиштирет; Көчөт маданиятында, бабалардын көчөт түшүрүүсү жөн кыялдануудан эмес, кадыресе, ички элдик ишеним, сырткы көркөмдүк, улуттук жарашыктарды, улуттук түстөрдү негиз эткенин баамдатып, ар кандай текке көчөт түшүрүүнүн жолдору, каадасы бар экенин билгизет.

Бул китеп сынчылык, көчөт маданияттарына байланыштуу аталмаларга, сөздөргө басым жасап чечмелеп, сөздөрдүн эл ичинде колдонуу жайытын көрсөтүүгө далалат жасады, кадыресе керектүү сүрөттөр аркылуу элес берип, аталыштарды сайып көрсөтүүгө жетишти.

Китепти барактаган окурман ата-бабанын сынчылык жана көчөт маданияты тек бул китепте көрсөткөн, айткандар менен гана чектелбестигин, эл ичинде дагы толуп жаткан, бул китепке кирбей калган көп мазмундар бар экенин баамдайт, ушул маданияттарды андан ары толуктоо, тактоо керек экенин, ал үчүн бул китепке ар дайым сын менен кайрылып толуктап турууга ажат экенин билет деп ишенебиз. Адегенде макала түрүндөгү бул эмгекти элге жеткирүүгө көпүрө болгон, көлөмү көптүгүнө карабастан сандан-санга жарыялап турган «Ала-Тоо» журналынын башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматовго терең ыраазычылык билдирем! Китепти жарыкка чыгарууда, китептин өңдөө жумушунун түйшүгүн тарткан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун доценти, филология илимдеринин кандидаты Бакыт Мырзатаевага, китептин чыгуусуна демилге берген Бишкек мэриясынын Борборлоштурулган китепканалар тармагынын башчысы Күлсайра Дандыбаевага чын дилден чоң ыракматымды айтам! Китепти барактагандарды ушул китепте айтылган «тогуз жакшылар» жалгап, колдосун!

                                                                                        Автор

Биринчи бөлүм

КЫРГЫЗ СЫНЧЫЛЫК МАДАНИЯТЫ

Кыргыз сынчылык маданияты айтарлуу даражада өнүккөн. Болуп да сынчылыктын үч бөлүгү бараандуу көрүнгөн. Ал үч бөлүк адам сынчылыгы, ат сынчылыгы жана канаттуулар сынчылыгы болгон.

Кылым карыткан кыргыздын жер бетинде бар болуп туруусунун түпкү себебин ал түрдүү маданияттарды жараткан жана колдонгонунан көрсөтсө болот. Ошол улуттун бар болуп туруусуна таканчык болууга жарап келген, чоң маданиятынын бирөө «Кыргыз сынчылык маданияты» деп айтса, ашыра сүйлөгөн болбойт. Анткени, кыргызда сынчылык маданияты сапат баалоо, жакшы-жаманды (эң жакшысын, эң жаманын) тандоо, болуп да, адам, айбандын асыл тукумун ылгоо ыйык милдетин үстүнө алган маңыздуу маданият болгон. Сынчылык адам жана айбандардын ичин жана сыртын сынга толтуруу менен, алардын сапатын көрсөтүп берүүгө, кадыресе, сапат көтөрүүгө кызмат кылган. Сынчылыктын мааниси боюнча сөз болуп жаткан соң, бир аңгемени эринбей айта кетсек, сынчынын сапат тандоо маңызын белгилеген болобуз. Кыргыз салт-санаасы боюнча эл ичинен «кенч» издеп жүрүп, бир «айыл академиги» аталган жашанган кишини сөзгө тартып калдым, бирок ал киши мен сураган сөздөрдү бүктөй салды да: «Оболу, сен менин үч суроомо жооп берсең, мени менен сүйлөшө аласың, болбосо убаралаба» дегенде, оозум ачылган бойдон кулак түрүп калдым. Жашанган киши: «Тоодо эки теке эмне үчүн сүзүшөт? Илгери тигил тоо менен бул тоонун аралыгын нече күндө тепчий баскан аргымактар болгон, азыр эмнеге жок? Мурда алп денелүү адамдар болгон, башкасын айтпай эле коёюн, кечөө эле Болот баатыр деген сугатта чокоюн чечип коюп уктаган экен, анын кончунун ичине субай калды эчки (эки жашта) кирип, кадимкидей көлөкөлөп жаткан болот, азыр эмнеге андай олбурлуу адамдар жок?» деген суроосун таштады. Ошол айылга түнөй жатып, өз дараматым жеткен жоопторду айткан сайын, менден түңүлө баштады «тигил айыл академик», бир ооз сөз айтпай койду. Жооп үчүн, нече жылдап мээ шыпкап, соңунда, тоо теке деле асыл, сапаттуу тукум тандаш үчүн сүзүшөт экен, ал ат менен адамдын «аталык-энелигинин» сапатын тандай алган сынчы болгону ошолордун жетик болушуна кепелеттик этиптир деген жоопту үч жылдан кийин зорго таап айтсам, жашанган киши анан менин сөзүмдү алик ала турган болду. Көрсө, тукумдун сапаттуу болуусуна «тандоо», «ылгоо» керек экен да, «барына шүгүр» деген мамиле сапатка койгон талап эмес экен.

Кайра сөзүбүзгө келели, кыргыз сынчылык маданиятын кураган «сын» сөзү табиятта бар болгон нерсенин, заттардын табийгы турумун туюнткан сөз болуп, ар кандай болумуш өз сынында турган сапатын, өз наркын сактаганы эсептелген. Ал «сынчы» сөзү ошол сынды баалоочу, табийгы сынын көрсөтүү жөндөмү бар адамдын адистик атагын туюнткан куранды сөз. «Сынчынын көзү тааныйт, чебердин колу тааныйт» макалда, «чебер» (уста) менен сынчынын жөндөмүн айырмалап көрсөткөн. Айтмак, кыргыз сынчылык маданияты сын таануу маданияты болгон. Сын таануу болумуштун ички сыны менен сырткы сынын тең камтыган. Кыргыз тилинде «сыны кетти», «сыны менен турат» деген сөз айкаштары анын ичи жана тышына тең кайрылган түшүнүк болуп, «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт» деген макалда аяктын тышы сыр, ичи аяктык (идиштик) сапаты экенин көрсөтүп турат. Сынчынын макалга айланган «Катын менен айтышкан кызда эмне сын». «Жети мүчөл жашаган эрде эмне сын, жети тогоол өткөргөн жерде эмне сын» дегендеги «эмне сын» деген сөз айкашы «анын сапатына, наркына» баа айтканга болбойт деген мааниде болуп, сын сапат, нарк баалай турган ченчи экенин билүүгө болот.

Кыргыздын сынчылык маданиятынын тарыхы абдан узак, «Толубай сынчы», «Санчы сынчы», «Эсенаман сынчы» деген сыяктуу аты уламышка айланган сынчылар жана ат, куш таптоочу «саяпкер», «мүлүшкер», «саятчы» аталган адистер ар бир айылда болгон. Болуп да кыргыздын сынчылык маданияты чоң жомогу, «Билим китебинде» – «Манаста», толук сакталып калганына ишенсек болот. Акбалта, Кошой олуялар сынчынын бабасы катары айтылса, ал Манас баатырдын атасы Жакып өзгөчө сынчы болгон. Ал баласы Манас туулганда, ымыркайды карап: «Маңдайы жазы, башы кууш, \Бар боюнда турат тууш. \Кочкор тумшук, кош кирпик, \ Көркү калча, көзү тик!. \ Жалаяк ооз, жар кабак, \Жаагы жазы, ээги узун, \ Эрди калың, көзү үңкүр, \Эр мүнөзү көрүнөт!» (СО)- деп сын айтат. Ал эле эмес, келин болуучу Каныкейди кыз кезинде сындан өткөргөнү бар. Кадыресе, чоң жомокто Манас баатырдын өзүнүн сынчылык жөндөмү (Алмамбетти сынга толтурганы ж.б.), Каныкейдин Манасты алгачкы жолу сынга толтуруу сөздөрү сыяктууларды көрсөтсөк, сынчылык маданиятты «Манас» менен ырастаган болобуз.

Кыргыз сынчылык маданияты элге жалпылашкан, жашоосуна колдонулуп келген маданият болуп, адамдык сапатты, аттын сапатын, куштун кыраандыгын көтөрө турган маданият болуп, адамдар жашоосун сын ченине салып, сынга толууга умтулуп, сынын бузбай жүрүү аракетин жасаса, ал аттын сапатын сынчылык аркылуу «адамга канат болуу» маңызына жеткен, асманда канаттууну таанып гана койбой, анын кыраанын ылгап «кол бала кылып», өндүрүшүнө колдонууга жетишкен. Ошого сынчылык маданиятынын элдик негизи бар, элге асыгаткан маданият болгон.

Кыргыз сынчылык маданияты «жакшыны» табуучу, ылгоочу маданият болгон. Адамдын жакшысын, аттын жакшысын, куштун жакшысын, кадыресе, ушул табиятта бар болуп турган, жашап тургандардын сапатын сынга толтура турган, сапат ченин белгилей турган маданият болгон. Анда сынчылык маданияттын үч бөлүгүнө көз салалы.

Биринчи бап

АДАМ СЫНЧЫЛЫК МАДАНИЯТЫ

Кыргыздар сынчылыкка жана сынга өтө маани берген. Ар кандай нерсенин сынын тааныган, ал тургай, адам гана эмес, айбанды да сынга толтуруп, айбандын асыл сортун (сырттандарын) тандап чыгуу, ошол эле айбандын сапаттуу өнүгүүсүнүн сынга байлап алып жүргөнүн көрсөтсөк, сын кыргыздын «сапат чен» маданияты болгонун баамдоо кыйын эмес. Жөн эле бир мисалды көрсөтө кетели, ар кандай малды кыркканда, жүнүн гана алуу эмес, кадыресе «мал өзү сынын суудан карайт» деген айтымды калыпташтырып, ошол малдын сынын (көркөмдүгүн) бузбай, кыркымда, кадыресе, сынын чыгаруу (жасалгалоо) жумушун кошо иштеген. Алсак, эчкинин сакалын кыркпайт, малдын көкүлүн, төбөсүн кыркпайт. Ургаачы малдын (жылкы, топоз) куйругун кыркканда, атайын көчүк жабар бапик коюп, өтө сындуу кыркканы, минген аттын жал-куйругун кыркпай, сындуу мингени кыргыздын сындуулукту (сулуулукту) жактоочу, сактоочу сынчыл мүнөзүн көрсөтүп турат.

Анда айтар сөздөн баштасак, адам сынчылыгы кыргыз сынчылык маданиятынын башкы бөлүгү, сынчылыктын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Адам сынчылыгы кыргыз адам (адам болууну) таануу акыл сүйөрлүгүн (философиясын) таканчык кылган. Адам таануу негизи адамдын кандайлыгын, кандай адам (адамбы, адам сөрөйбү) экенин таанууну көрсөтөт. Баса айтканда, кыргыз адам сынчылык маданияты адамдыктын (адам болуунун) чен-таразасы болуп, ар бир киши өзүн «адаммынбы, адам сөрөймүнбү?» дегенинин сынчылык чени чендеп берген. Болуп да, адамдын өзүн таануусу өтө татаал, дүйнөлүк акыл сүйөрлөр мээ чагып ойлоп, тамак кургата сүйлөп келген татаал, абдан кыйын маселе болуп келген. Ал кыргыз сынчылары да: «адам болуу арзан, адамды билүү кыйын» дегенди айтып, адамды билүүнү сынчылык сын көзү менен кароого ыйгарган. Кадыресе, адамдын өзүн таануусу адам болуунун босого аттар билими, өтө татаал жүрүш катары каралган. Адамдын ичин билүүнүн машакатын дүйнөлүк акылмандар: «Күндү көз менен түз тиктегенге болбогон сыяктуу, адамдын ички дүйнөсүн да түз көргөнгө болбойт» – деп белгилептир, сынчылар: «Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманы өлгөнчө билинбейт»,– деп тыянактаптыр. Кыргыз сынчылык маданиятынын чамгарагы адам таануу сынчылыгы менен көрүнгөн. Адам сынчылыгы адамдардын адамдык сапатын, жакшы-жаманын баалай турган, жакшы адамдык чендерди сынга толтуруп, жаман сапаттарды ылгап салган, кадыресе, адамдардын сапатын калыпташтыра турган өзүнчө маданият болгон.

Кыргыз адам сынчылык маданиятынын тарыхы абдан узак, «Толубай сынчы», «Санчы сынчы», «Эсенаман сынчы» деген сыяктуу аты уламышка айланган сынчылардын эл ичинде кенен айтылып жетиши сынчылыктын өнүккөн, жалпылашкан доорун көрсөтүп, сын чени, сынчысы (ээси) болгон тарыхын эске салат. Андан ары сереп салсак, кыргыз адам сынчылык маданияты улуттун «билим китеби» (энциклопедиясы) аталган «Манаста» толук сакталып калган. Анда, Акбалта, Кошой олуялар арналуу сынчылар экени, кадыресе, Манас баатырдын атасы Жакыптын сынчылыгы каадалуу сүрөттөлгөн. Алсак, Манас баатыр төрөлгөндө биринчи сынга толтурган киши атасы Жакып болуп: «Маңдайы жазы, башы кууш, \Бар боюнда турат тууш. \Кочкор тумшук, кош кирпик, \ Көркү калча, көзү тик!. \ Жалаяк ооз, жар кабак, \Жаагы жазы, ээги узун, \Эрди калың, көзү үңкүр, \Эр мүнөзү көрүнөт!..» (СО) деп, ымыркайдын сырткы сымбатын сынга толтурган (жоруган). Андан соң, келин болуучу Каныкейди кыз кезинде биринчи көргөндө: «Ботодой бели ийилип,\ Чийдей кашы чийилип,\ Жазык маңдай, кара көз,\ Жатык тилдүү, ширин сөз,\ Аркасы кайкы, аркар төш,\ Ай чырайлуу, бото көз,\ Кызыл жүзү нурданган,\ Кыпча бели буралган» (СО) – деп, сырткы сынын айтса, ошол сырткы сынынан ички сынын: «Жеткире акыл ойлогон,\ Тереңдик жайы бар экен…» – деп, ал тургай, сырткы сынынан анын «таалайын» жоруп: «Кежиге чачы жүн экен,\ Кешигинен эмгеги – Кейиши мунун көп экен!», «Маңдай сөөгү дөң экен,\ Арылгыс шору көп экен.\ Сыртына өтө кайкы экен,\ Арстандан калганда,\ Таалайы мунун тайкы экен! \ Өмүрү узун, шору көп,\ Жыргалынан кору көп,\ Ушул айып болбосо, \ Бендеден пери туулуптур…» (СО) деген сындан кыргыз адам сынчылыгынын үлгүсү, адамдын кайсы жактарынан адамдыгын баалоосунун ченемин белгилегенин көрдүк. Бул кыргыз сынчылык маданиятынын тарыхы «Манаста» сакталган дегенге күбө болот. Кадыресе, чоң жомокто Манас баатырдын өзүнүн сынчылык жөндөмү (Алмамбетти сынга толтурганы ж.б.), Каныкейдин Манасты алгачкы жолу сынга толтуруу сөздөрүн, деги эле «Манастагы» толгон сынчылык жайыттарды көрсөтсөк, сынчылык маданияты «Манаста» калыптанганын баамдайбыз. Кадыресе, «Манаста»: «Насааты көп, күлкү көп.\ Төлгөчү көп, изчи көп,\ Чечени көп, сынчы көп.\ Боз торгойдой быжырап,\ Борумдап айткан ырчы көп» (ЖМ) болгон.

Адам сынчылыктын тарыхы кыргыздын макал, ылакап, учкул сөз жана накыл сөздөрүндө, санат, насыйкат нускоолорунда кадимкидей сакталганын да көрсөтсө болот. «Кыргыз макал-ылакап жыйнагын» барактасак, «адам, киши, жакшы-жаман, акыл» сөз уяларында адамга байланыштуу макал, ылакаптар абдан арбын, буларды кыргыз сынчылары адамды сынга толтуруп чыгарган, айткан сынчылык тыянагы катары түшүнсө болот. Мисалы: «Адам аласы – ичинде, айбан аласы – тышында», «Адамдын – бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил» деген сыяктуу адам мүнөзүн белгилеген макал, ылакаптарды сынчылардан бөлөк адамдар тыянактай алышы кыйын. Майнаптаганда, кыргыздын адам сынчылык маданият тарыхы сынчылар боюнча жеткен уламыштарынан бөлөк, элдик чыгармалары, «таалим-тарбия» чыгармалары менен киндиктеш жүргөн деп көрсөтсө, далили жетиштүү табылат.

Кыргыз адам сынчылыгы адамды сынга толтурганда, ички сыны жана сырткы сыны деген эки чоң ченге салган. Ушул эки чендин теңдигин «телегейи тегиз» деген өлчөм менен атаган. Кыргыз адам сынчылык баяны ушул эки ченди эки тароо менен жарытып көрсөтөт.

1-тароо. Ички сын

Адамдын ички сыны эси, акылы, дил сынын (ченемин) көрсөткөн. Адамдын кандай адам экени, адам болуунун өлчөмү ушул ички сынынан көрүнөт деген түшүнүк калыптанган. Сынчылар адамдын ички сын толумдуулугун: эстүү, акылдуу, кыраакы, зирек, жетик деген наамдар менен белгилеген. Ал ички сын атактарын: айкөл, көсөм, олуя, кеменгер, акылман, даанышман, бийик, билги (тарыхта билги паланы хаган) деген атак тепкичтери менен аныктаган. Адамдын ички сыны кандай адамдыгын билүүнүн таразасы болгон. Адам сынчылыгы сынчылар аркылуу элге жалпылашкан. Ал элдин турмушунда дайыма иштелип, ички сынга көз салуу бүт элдик салтка айланган. Демейки адамдык байланышта, мисалы, досжар тутунуу, жубай тандоо, келин тандоодо. ж.б, алды менен, анын эстүүлүгү, акылы, дили сыяктуу ички сынына багуу сынчылар менен гана чектелбей, «Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаң, ишинен бил» – деп, демейки адамдарга чейин жалпылашкан.

1. Ички сын курамы

Ички сын сынчыларга эс, акыл, дил, сөз, үн жагынан көрүнгөн. Ушул жактардын сынына көз салып, сынга толтурган.

  • Эс. Ички сындын башкысы болгон эс адамга тубаса бүткөн туюм жөндөмү болуп, азыркы илимдин ырастаганы эстин 60%ы ата-эненин генинен, атап айтканда, тукум кууштан болот имиш. Кыргыз сынчылыгы да эстин тубаса жөндөм экенин, бала улам жетилген сайын эс улам кошо кирерин баамдаган. Кыргыз тилинде «эси бүтүн», «жарым эс», «эси жок» (кээ бирөөнө түрдүү себеп менен, мисалы, оору айынан эс кирбеген) деген сөз айкаштарынын айтылышы, эсти баалаган сыны болуп, бала кезден эс кирүү ченемине карай айтылган. Эси толук туулушу курсакта кезинен азыктануу (талгагы канууну да камтыйт), кайсы мезгилде туулуу, бала кезде кандай чөйрөдө эси жетилүү (эс кирүү) сыяктууларга багат экен. Эси толукту сынчылар «эстүү» деген наам менен атаган. Эстүүлүктү туюм, сезими күчтүү болуу, акыл киргизүү (өзүнө) жөндөмү бөтөнчө, атап айтканда, көргөн-укканды билүү жагы, тез кабылдама өзгөчөлүгүнө, сүйлөгөн сөзү, иш билгилиги (бала болсо да өз курамындагы тартип, ыйбасын сактаганы, окуса билимди тез өздөшүрүүсүнө карай «эстүү бала» аталган), адамгерчилиги, өңүндөгү белгилерине карай сынга толтурган. Сынчылардын эси жоктукка: «Эси жок курсагы тойгондо эсирет», «Эси жок элчи эки элди бузат» деп айткан бааламасы макалга айланган. Ал сынчылар эстүү менен акылдууну бөлө тааныган. Эстүүлүк адамга акыл киргизүүнүн, дил ачуунун негизи, көрөңгөсү деп караган.
  • Акыл. Ички сындын бирөө болгон акыл адамда кийин жетиле турган жөндөм болуп, эс киргенден кийин акыл кирет деп каралат. Муну бала өспүрүм курагында «акыл азуусунун» чыгышы, ооздогу тиштин бирөөн арналуу акыл азуу атаганы менен ырастайт. Кыргыз сынчылыгы эси бардан акыл күткөн. Акыл адамдын өмүрүндө көргөн-билгени, тарбия-билими менен кирет деп каралган. Адам сынчылары: «Адам көптү көрбөй, акыл кирбейт», «Акылдын өбөгү – билим, жөлөгү – тажрыйба» деген кортундусу акылдын адамга кирүү жолун көрсөткөнү эле. Баланы жаш кезинде катыктыруу, «тайга мингизүү», кичинесинен куйма кулак кылуу, «Атасы барда эл тааны, аты барда жер тааны» деген салт-аракеттер, андан да, баланы окутуу, жаш кезинен китеп окутуп акыл киргизүү аракеттери болгон. Алсак, кыргыз сынчылык маданиятынын кампасы болгон «Манаста», алды менен, ашаан эстүү туулган, андан соң, Манастын бала кезинде «козу кайтаруу», «жылкы багуу», атасы ордунда Баабедин Олуя менен «Боз-Талаада» «эгин эгүү» эмгектерге катышуусу, олуянын сөздөрүн, акылын угуу, «Манаста»: «Балалыкты таштады, \ Ичине акыл толгону» (СК) болуп айтылышы, коомдук кайчылыктарды көрүүсү (жоонун басынтуусун туюусу), кагылыштарга катышуусу, Олуя Акбалта, Кошой, Бакай сыяктуулардын сөзүн угуусу «көргөн-билгени» болуп, бала Манаска акыл киргизүү (билим чогултуу) мүмкүнчүлүктөрү болгон. Ал адам менен адамдын айырмасы акыл жагынан билинет дегени, кээ бирөө акылды көп чогултканы, кээ бирөө аз чогултканы менен айырмаланган. Адам өмүрүндө «беш билимге» (акылга) аз-көп ээ болуусу менен бири-биринен айырмаланган. Ал беш билим: биринчиси, билим (заманынын билимдери); экинчиси, демейки билим (жашоо билимдери); үчүнчүсү, окуу билим (окуган адистиги); бул үч билим интеллигенциялык (зыялылык) деңгээлге жеткирет. Ал төртүнчү билим, көргөн-билгени; бешинчи билим, уккан-көргөнү болуп, бул экөө табияттын мыйзамдуулугу (табият билимдери), жөрөлгөлүү салт-санаа, каада-жосун, маданият билимдерин көрсөтөт экен. Ушул жерде сөз кыюусу келгенде айтсак, эркектер менен ургаачылардын акыл айырмасын «Катындын чачы – узун, акылы – кыска» деген макал менен туюнтканы бар. Бирок бул макалды ар ким өз дарамети боюнча түшүнүп, ал тургай, «кемсинтүү» катары кабыл алат. Мында, акылдын (билимдин) чогултулуу беш кайнары (беш билим) туркусунан, «акылы кыска» дегенди «көргөн-билгени» салыштырмалуу «кыска» (аз) деп туура түшүнүү керек. Себеби илгери эрлер талаа жумушунда (аңчылык, малчылык менен табият билимдерин чогултуу), коомго көп аралашкан (эл көрүп, жер көргөн), окуу мүмкүнчүлүгү да болгон, ошого эрлердин көргөнбилгени (билим чогултуу шарты), көбүнчө, айылда, үйдө болгон, коомго көп аралашпаган, окуу мүмкүнчүлүгүнө жетпеген илгерки ургаачылардан салыштырмалуу көбүрөөк болгонун чындык жашоо ырастаган көрүнөт. Мында атайын көрсөтсөк, ал макалдагы «акылы кыска» сөзүн эч качан катындын «эси кем» деген мааниде түшүнүүгө болбойт. Чын эле, бул макалдын кытайчасы «Катындын чачы – узун, көргөн-билгени – кыска» (女人头发长,见识短) – деп, өз маанисинде айтылганын көрсөк, ал макалдагы түшүнүктү тактап, «акылы» сөзүн «көргөн-билгени» деген сөздүн ордунда колдонгонун даана билебиз.

Ички сынчылыкта, акылы сынга толсо, «акылдуу, акылман» деген наамдар менен атаган. Кадыресе, акылдуу менен акылмандын тепкич айырмасы көрсөтүлгөн, экөөнө өзүнчө аныктама менен сынга толтуруу ченемдерин ортого койгон. Акылы сынга толбогондорду «акылсыз, акмак, көсөө» деген сөздөр менен белгилеп, сынчылар: «Акмакка акыл түштөн кийин кирет», «Көсөөнүн акылы – түштөн кийин» деген корутунду менен, акыл кирүүнүн да бечели болорун, акыл кечең кире турган, такыр акыл кирбеген акылсыз, көсөө адамдар болорун көрсөткөн. Ал акыл менен акмактын (акылсыздын) айырмасына: «Акмактын өмүрү акылмандын бир күнүнө татыбайт» деген макал чыгарып, «Акылдуунун алдында жүр, акмактын артында жүр» – деп нускоо берген. Сынчылар акыл, акылдуулук боюнча: «Акылдуу сөз чыкпаса, улуулуктан не пайда», «Акылдуу тоону томкорсо, акылсыз элди омкорот», «Акылдуунун өзү өлсө да сөзү өлбөйт», «Акылдуунун – сөзү кыска, айта салса – нуска», «Акылдын көзүндөй тунук бол, акындын сөзүндөй сылык бол», «Акылдын сөзү – сокурдун көзү» «Адамдын ийгилигине эмес, акылына карап баа бер», «Адам менен айбандын айырмасы – акылда», деген сыяктуу көптөгөн макал, нускоолорду чыгарышкан. Кыргыз адам сынчылыгы адамдын эс, акылына өзгөчө сын көз менен караган. Айтмакчы, мындай адамдык сапатты эс, акылына сын көз менен кароо адамзат сынчылык маданиятында эртеден башталган жөрөлгө болгон экен, алсак, биздин санактан мурдагы жана кийинки дүйнөлүк акыл сүйөрлөр (философтор) адамдын ички сынын, ооба, эс, акылын адамдык сапат чени кылуу керек дегенди белгилеп келиптир, ал тургай, адамдын эс, акыл сапатын көтөрүүдө анын тукум кууш жагынан (генинен) караштырган, алсак, дүйнөлүк акыл сүйөр (философ) Платон (Plato, биздин санактан мурда 427–347) «Республика» деген эмгегинде: «Көсөө, акмак эркектерди биттеп салуу, келесоо кыздарды коомго жолотпоо» аркылуу адамдардын эс, акыл сапатын ылгап туруу керек деген ачуулуу сөзүн айтыптыр. Ал андан кийинки дүйнөлүк таанылуу акыл сүйөр (философ) германиялык Шопенгауэр (Schopenhuar 1788-1860): «Акыл, эстүүлүк эне тукумун тартат, акмак, келесоолор энеден туулат, бийлик акылдуу бала төрөгөн энелерге шык берүү керек» деген жоромолдорун айтып, адамдардын эс, акыл сынына карата атайын сынчылык жөндөм менен айткан сөздөрүнө баксак да, кыргыз сынчыларынын адамдын ички сынына баса көз салганы дүйнөлүк акыл сүйөрлөрдүн карашы менен ашташып жүргөнүн баамдайбыз.

  • Дил. Ички сындын бирөө дил болуп, дил сынын кыргыз сынчылары мурда «жүрөк, көңүл, көөдөн» деп атаган. Дил (көңүл) эс, акылы аркылуу жаратылышты, болумуштун мыйзамын «дилине түйүү» (көкүрөккө түйүү), «дилин ачуу», кабылдоо жөндөмүнө, өзүнүн адамдыгын туюу, адамдык сапатына карай сынга толтуруп «дили ачык» (көкүрөгү ачык) деп белгилеген. Адамдын көңүлү зилинде ак, бирок, көңүлдү (дилди) ачуу жүрүшүндө дил жакшылыктуу жагына өнүксө, табиятка, адамдарга карата ою оң болсо, «ак көңүл», ал айбандык напси жагына тартылса, «кара көңүл» деген сын менен ченделген. Кара көңүлдүн чени табиятка, адамга жакшы ойдо болбой, адамдык наркты, сапатты, моралды сактабагандар, дили караргандар катарында саналган. Аларды «кара көңүл», «көкүрөгү сокур», «көкүрөгүн көк талкан баскан», «ала көөдөн» («Ала көөдөн адамдар куру дүрмөт мылтыктай») деген сындар менен атаган. Кыргыз сынчылары көңүл (дил) адамдын ички дүйнөсү деп эсептеп, ал дүйнө көңүл (көөдөн), эс, акыл, адамдык, рух, ой, дит менен толгон деп караган. Көңүлү, көкүрөгү (дили) канчалык бай болсо, ошончолук рухий адамга өтүп, адамдык сапаты, адамдык бийиктиги ошончолук жогору болот деген. Жакшы адам, жаман адамдын белгилерин, анын тилине эмес, дилине багууга нускап турган. Ички сындагы жакшы-жаманды, дилди сынга толтуруп айткан тыянак «Кыргыз макалылакаптар жыйнагында» өтө көп сакталган. Ички сында дили (руху) бөксө, дили кургактарды «көңдөй терек», «адам сөрөй» атаган (адам сөрөйдү Ч. Айтматов «маңкурт» деп жаңыртты).
  • Сөз. Ички сындын бирөө адамдын сүйлөгөн сөзү болуп, сөздөн адамдын эси, акылы, көңүлү даана билинген. «Киши жаманы кирип-чыкканча билинет» дегени, анын сөзүнөн билингени болгон. Дүйнөлүк даанышмандардын сөз адамдын идеясы деген көз карашын кыргыз сынчылары да ырастаган. Мисалы, сынчылар: «Жакшы сөздү таап сүйлөйт, жаман сөздү каап сүйлөйт» – деп өкүм айтканы, адамдын сөзүнөн анын кандай адамдык белгилери билинет дегенди ырастаганы эле.

Ички сынды чендеген сынчылар океан «Манас» сыяктуу чыгармаларына, чечендигине карап, «Кыргыз – сөз баккан эл» деген аныктаманы берген. Баланы жашынан баштап сөзгө куйма кулак кылууга жасаган жомок айтуу, санжыра сүйлөө (жети атасын билдирүү), макал, месел менен сүйлөө аракеттери адамдык ички сынын бекемдегени болуп, «Сөз атасы – кулак», «Акыл аз сүйлөп, көп тыңшайт» деген нускоо менен баланы сөз баалоого, кадырлоого жетилдирген. Сынчылар сөздүн жетик ченин «кызыл тилдүү, чечен» деген наамдар менен атаган. Чечендикти өзүнчө өнөр катары тутунган. «Манас» жомогунда «Караңгыдан көз тапкан, капылеттен сөз тапкан» чечендиктин үлгүсүн көрсөтүү, демейки маарекелерде «айтыш» ырчылыгы менен чечендикти басекеге салуу, «Жээрен чечен» сыяктуу чечендикти даңазалоо жомокторун чыгарып, адамдарды чечендикке сүрөө аракеттери болгон. Коомдук барды-келдиде, бөтөн эл менен байланыш түзүүдө «чечен» наамына жеткен, «тил-оозу бар» адамдар жуучу, элчи деген милдеттерди аткарып, өз тарабынын кызыкчылыгына, намысына жарап, «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген тууш менен сөзүн өткөрүп келген. Дегинкиси, сынчылар адамдын чечендик жөндөмүн, сүйлөгөн сөзүн, акыл, дилин билүү, ички сынга толтуруу чени кылган. «Аргымактын жакшысы аз оттоп, көп жуушайт, азаматтын жакшысы аз сүйлөп, көп тыңшайт» деген сынчылардын сөздөрү макалга өткөн. Аз сүйлөгөн, төп сүйлөгөн сынга толгон. Сүйлөөк, кара жаак, кур чечен, тантык, маңыз, сөдөр дегендер сөзү сынга толбогон, кадыресе, адамдык сапаттан мүчүгөндөр катарында каралып, алардын сөзүн илик албай, «беш ооз сөз таап сүйлөй албаганды», сөзү эм болбогонду адам сөрөй атап, сөзүнөн улам адамдык сынга толтурбаган.

  • Үн. Ички сындын бирөө үндөн көрүнгөн. Сынчылар адамдын сүйлөө үнүнөн, чыгарган доошунан эс, акылын, дилин сынга толтурган. Адамдын доошу тубаса, үн мүчөлөрүнүн жетилүү жагдайына жараша ар түрдүү болгону менен, коомдук байланышта, ал тургай үй-бүлөдө кандай үн менен сүйлөө, кандай үн чыгарууну адамдардын ички сынына (маданиятына) байланыштырып сынга толтурган.

Сынчылар: «Карга каркылдап каз болбос, катын шыңкылдап кыз болбос» деген сыяктуу сынды (макалды) чыгарып, адамдар өз ылайыгындагы үндү калыптандырууну сын чени кылган. Кадыресе, эркек-ургаачылардын үнү да өз жынысына жараша болууну «Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок» (Калыгул) – деп, аны ички сын өлчөмүнө койгон. Ал «ажылдак, каркылдак, чайылдак, күркүлдөк, чыңылдак, кыркы, киңки» үндөрдү сынга толбогон үн катары эсептеген. Сынчылар «коңур, шаңкы үндү» үн толумдуулугу катары жактаган. Улууга кандай үн менен сүйлөө, коомдук соорунда үндү, доошту кандай алып жүрүү, кандай таризде сүйлөөнүн ченин: «Чоң дарыянын акканы жай, нускалуу адамдын сүйлөгөнү жай» – деп сүйлөө сынын, адамдын (меймандын) көзүнчө чаңкылдап, бакылдап сүйлөбөө тартибин, сынчылык: «Каз каркылдайт саз жерде, эр баркылдайт тар жерде» – деп көрсөткөн. Бөтөнчө, кыздардын доошун ого бетер чендеп, кыздар чакырганда «юу!» – деп ичке үн салуу, «я!» деп даркы үн чыгарбоо сыяктуу үндү сынчылык таразасы менен өлчөө салты калыптанган. Сынчылар үндөн адамдын кыял, мүнөзүн көргөн. Ошондон улам: «Шумкарды жүнүнөн тааны, жакшыны үнүнөн тааны» деген тыянакты макалга айланткан. Кайсы бир акылман айтат: «Адамдардын жакын эле олтуруп бакырышканы, алардын дилинин ыраактап кеткенинен болот имиш».

2. Ички сын атактары

Кыргыз ички сынчылыгы адамдык сынга толуу катмарын гана белгилеп калбай, кадыресе, адамдык ички сындын жогору чегин, кылда учун белгилөөгө жетишип, адам ички дүйнөсүнүн ар бир жеткен белесинин атактарын атап, аныктамаларын көрсөткөн. Бул ички сын атактары эң бийигинен төмөнгө карай: айкөл, көсөм, олуя, кеменгер, даанышман, акылман, бийик, билги (тарыхта билги паланы хаган) болгон. Кадыресе, сынчылар бул атактарды өз ордунда колдонуп, бирөөнүн ордуна бирөөн (карапайым адамдар аралаш атай бергендей) колдонбогон. Адам сынчылыгындагы ички бийиктиктердин атагын белгилөө, кыргыз адам сынчылык маданиятынын өнүккөнүн, калыптанганын көрсөтө алган.

1) Айкөл. Кыргыз адам (болууну) таануу карашында, сынчылык маданиятындагы адам сынчылыгынын ички дүйнөсүн белгилөөдө, сынга толтурууда, кылда учунда, эң жогорку даражаны «айкөл» деген атак менен туюнткан. Ал айкөл атагы, кыргыз сынчылык тарыхында бир гана Манастын ички сынынын ашаандыгын белгилөөчү арналуу атак болгон. Бул атакты эң мурда олуя Акбалта: «Ай алдында көлүңдүн,\Толкунунан бүткөндөй» (СО) – деп, андан кийин, Каныкей: «Акылында кеми жок,\

Чалкайып жаткан төр экен,\Чалкып жаткан көл экен»

(СО) деген алгачкы баасынан улам, айдын алдындагы «Чалкып жаткан көл» элеси, Манастын ички сынын (эс, акыл, дилин) «ай», ал сырткы сынын (өң, боюн) чалкыган «көлгө» теңеп айтышы атактын аталышына негиз болгон. Ал эмики илимде да, айдын жүрүү аракети суунун (дайра, көл, деңиздин) толкуусуна түз таасир берүүсүн аныктады. Айтмакчы, айкөл атагы «Манас» чоң жомогу менен элге жайылгандан кийин, ошол ички сындын эң жогорку атагы, ушул күндө адамдын мүнөзүн, кең пейилдигин туюнтуучу жөн сөз катарына өтүп, дасторконду кең жайган адамды да «айкөл» атап калганыбыз, тигил «айкөл» атагы бөксөрүп, кичирип кеткенин эске салат.

Айкөл атагын Манаска ыйгаруу негизи: Манастын ашаан эстүүлүгү анын денесинин бөтөнчө жетилүүсү менен кошо жетилиши, акылы «бала Манас» жашында «козу кайтаруу», «жылкы багуу», «эгин эгүү», коомдук кайчылыктарды көрүү (жоонун басынтуусун туюусу), катышуу сыяктуу «көргөн-билгенди» чогултуу, Олуя Акбалта, Кошой, Бакай сыяктуулардын сөзүн угуусу тарбия-окуу сыяктуу ага акыл киргизүү мүмкүнчүлүктөрү болгону; «Манастын хандык тактыга олтурушу» анын жалгыз баатырлыгы гана эмес, эл башкарган көсөмдүк жөндөмү, даанышмандар айткандай: «ичи олуя, сырты падышалык» сынга толуп, Манас бийлиги ички жети хан, сырткы ханды эл кылышы; «Кулаалы таптап куш кылып,\ Куюккан (тозуган) жыйып журт кылганы»; мамлекет казынасы

«Алтыны аттын башындай, \ Күмүшү сайдын ташындай» кубаттуулугу; эли «Кемпирлер куйрук карабай, \ Келиндер табак (каймак) жалабай» калган бейпилдикке жетиши сыяктуу шарттары көсөмдүк сындан ашкан; Манасты «Акылында кеми жок,\ Ааламдан ашкан кеменгер» – деп, кеменгерлик сынга толтуруусу; адам таанууда, Аламамбетти: «Акылын адам тапкындай, \ Ажыдаар менен жаткындай,\ Адам эмес жырткычтын \ Арасына баткындай» – деп, кабылдашы даанышмандыгын көрсөткөндүктөрү болгон. Атап айтканда, Манас адамдагы бийик ички сындын: көсөм, олуя, кеменгер, даанышман, акылман, бийик, билги – белестерин бүт ашып, ошол атактарда көрүлүүчү сынга толуп-ашып, анан кылда учуна жеткен даража атагы «айкөлгө» чак түшкөн. Жогорку шарттарга жеткен башка адамдар болбогондуктан, бул атак жалгыз Манастын энчилүү атагы болуп бизге жеткен. Манаста «айкөл» сыны анын «кенебес», «элебестигинен», көл сыяктуу тереңдиги, ичине ар кандайды сыйдырып, бирок элебей, кенебей, чалкып турганы жагынан көрүнгөн. «Элебестик, кенебестикти» дүйнөлүк акыл сүйөрлөр (философтор) адамдагы кенендиктин, калбааттыктын, өзүн кармануу, ички кубат (энергия) чогултуунун эң жетик акылы катары эсептейт. Бирок карапайым адамдар «элебес, кенебестикти» жаздым түшүнүп, «аңкоо, энөөгө» чыгарып алат. Ал кыргыз сынчылары: «Эрдин ичине ээр токумчан ат батат, катындын ичине кара башыл киши батат» деген кенендикти көрсөтүп, адамдарды «айкөлдүккө» карай сүрөп келген.

  • Көсөм. Ички сында айкөлдөн кийинки атак болуп, сынчылар бул атакты бийлик жүргүзгөн, эл башкаруучулардын толумдууларына ыйгарган. Көсөм (вожак) болуп которулган. Кыргыз тарыхында бийлик мансабы ар кайсы тарыхий доордо бир канча аталыштар менен – баш киши, эр, ажоо, хан, деген аталыштар менен аталган. Бийлик башкаруучу хан, ажоолордун толумдуулугун даанышмандар: «ичи олуя, сырты падышалык» сын болуусу керек деген өлчөм менен аныкташат. Ал бийлик бийлеген хандын, ажоонун бардыгы эле «көсөм» атагына жетише бербеген. Бийлөөчүнүн (хандын) көсөмдүк сынга толуу шарты – эстүү, акылдуу, дили бөтөнчө таза (элине боорукер) болуу, дагы бир шарты, өзү баатыр болуу, өз доорун, коомун, элин бир өнүгүү белесине көтөрүүгө жетектеген иш, эселери менен көсөмдүк атакка татыктуу болгон. Ханга көсөмдүк атагын кайсы бир сынчы эмес, эл берген. «Манас» жомогунда бир нече көсөм хандар өткөнү менен, көсөмдүккө сыны толгону Орозду хан деп айтылып, анын кезинде, «Ороздунун тушунда, \ Токсон миң үйлүү эл болду,\ Жердеген жери Эне- Сай…» (ЖМ) болуп, эли жалчып, жери куурулбай өткөнү, хандык туусун кийинкилерге өткөрүп берген иши эл оозунда айтылып жеткен.
  • Олуя. Ички сындын жогору атагынын бирөө олуя болгон. Олуяны (святой) деп которгон. Олуянын эс-акылы ашаан, кеменгерлик, даанышмандык, акылмандык жагынан сынга толуп, андан ашкан адам олуя аталган. Олуялык атакка толуунун чени: өз заманынын мурдагысын (тарыхын) билген; өз заманына баа айта алган; кийинки заманга керээт сүйлөгөн (жорум айткан) жөндөмү бар, айткандары төп чыгышы анын олуялык чени болгон. Олуялар жаратылыш мыйзамы, адамдардын жашоо мыйзамы боюнча билип сүйлөгөндүктөн, алардын айткандарына эл ынанган, кадыресе аларга сыйынган. Олуялар ар бир орчундуу окуяларга алдын жорум айтып, элдин жут-кырсыктан сактануусуна, замандын кандай болуп баратканы, кантүү керектиги боюнча жорум айтып, элге пайдалуу туюнтмалар менен камдап турган.

Кыргыз сынчылык тарыхында, олуялар баяны «Манас» билим китебинде айтылган. Акбалта, Кошой, Бакай олуялардын олуялык жөндөмү көрсөтүлгөн. Алсак, Акбалта кыргызда мурдагы өткөн заманда болгон иштер, өз заманына баатыр туулушу керектиги, анын качан туулары, баатырлык белгилерин көрсөтүп, «Манас баатырды» олуялык жөндөм менен тапкан, Манас  40 жигиттен куралган бийлик түптөгөн. Ал Кошойдун олуялыгы ак баталарынын төп келиши, ашаан сынчылык жөндөмү сыяктуулары менен «Кошой олуя» аталган. Олуялык сынга кыргыздын сынчылары, ойчулдары, саресепчилери толгон. Алсак, Толубай сынчынын уламыштары, «Асан кайгы» аталган табият мыйзамына ой салган Асан ойчул сыяктуулар, ал кийинки эл ынанган ойчулдар Калыгул Бай уулу (1785-1855), Арстанбек Буйлаш уулу (18241878) сыяктуулардын айткан санат, насыят, нускоолору эл жосунуна, макалына айланып кеткен. Алсак, Калыгул олуянын: «Эркек үндүү аялдын уяты жок,\ Катын үндүү эркектин кубаты жок,\ Өгүз мүйүз инектин сүтү болбойт,\ Инек мүйүз өгүздүн күчү болбойт» дегени, адам-айбандын ички-тышкы сынынан алардын мүнөзүн төп белгилегени, иш жүзүндө чындык менен беттешип, эл макалы болуп тастыкталган. Арстанбек олуя «Тар заман» насыятында өткөн заман, азыркы заман, келерки заман боюнча керээт айткандары кийинки турмушта ырасталып, адамдарга олуялык таасир калтырган.

  • Кеменгер. Ички сындын жогору атагынын бирөө кеменгер болгон. Кеменгерди (мудрый) деп которгон. Даанышмандык, акылмандык, акылдуулук, бийиктик, билгичтик атактарынан ашынган, бир элдин руханий маданиятын, салт-санаасын бүт билген, аны эл ичине жайылтууга кам көргөн, чыгармачылык жөндөмү жетилген адамды кеменгер деген атак менен атаган. Кыргыздын чоң жомокчулары («Манасчылары»), кара күү чыгарган өнөрпоздору, насыят, терме, макал (Дидактикалык чыгармаларды) чыгарган чыгармачыл адамдары кеменгер атакка татыктуу болгон. Алсак, бүт улуттун «Билим китеби» (энциклопедиясы) аталган «Манастагы» билимдерди билген жана чогулткандар, жайылткандар, чоң жомокчулар (манасчылар) болгон. Алсак, уламыштагы Ырчуул, андан кийинки аты белгилүүлөр Келдибек Карабоз, Шапак Ырысменделер, ал айткандары эл колуна тийген Тыныбек, Сагымбай Орозбак, Саякбай Карала уулу, Жүсүп Мамай уулу сыяктуу манасчылар «Манас» айтып гана калбай, башка түрдүү кенже эпосторду, эл кенч билимдерин тутунган кеменгерлер эсептелет. Өз заманында кызыл тилдин алды «Токтогул ырчы», ал океандай мазмунду бир күүгө сыйгызган, камбаркандан эле 60 түрдү чыгарган, элдин ички дүйнөсүн күүгө салып сактаган Кара Молдо сыяктуу чоң комузчулар жөрөлгөлүү маданияттын бардык билимдерин өздөштүргөн кеменгерлер болгон.
  • Даанышман. Ички сындын жогору атагынын бирөө даанышман болгон. Даанышманды (мудрец) деп которгон.

Даанышмандын сынга толуу шарты: билги, акылдуу, акылман, бийик деген тепкичтерден ашкан; жөрөлгөлүү маданиятты, салт-санааны жетик билген; өз заманынын алдынкы билимдерин өздөштүргөн, эл жашоосуна нускоо көрсөтүп турган ички дүйнөсү бай адам болгон. Кыргыз сынчылык тарыхында, «Манаста» даанышман атагын алган Алмамбет өз кезинин «чоң окуусун» окуган, көптү билген, өз заманынын жаман-жакшысын ылгай алган, акыйкат үчүн атасына «кол салган» баяндары бар. Ал «Манас» сабында: «Дайынсыз кепти айтчу эмес,\ Даанышман Алма төрөм, деп» (СО) кыргыз эли даанышман атагы менен сыйлаганы баяндалган. Ал азыркы замандын даанышманы Ч. Айтматов болду десек, даанышмандык сынга толот. Айтматов жөрөлгөлүү эс-акылды (кыргыз ички дүйнөсүн) замандын ой салуусуна айкаштырып, алсак, «Обон» (күү) аркылуу адамдын ички дүйнөсүн таануу, эмики жер шарынын экологиялык көйгөйүнө, адам болуу улуу темага көркөм ой менен кайрылып, айткан сөздөрү кыргызга гана эмес, дүйнөгө эм болуп, дүйнөлүк ойчул аталды. Калыгул: «Айткан сөзү калкынын жүрөгүнө эм болсо, даанышман көркү сөзүндө» дегендей, Чыңгыз сөзү менен даанышмандыгын көрсөттү.

  • Акылман. Ички сынчылыктын жогору атагынын бирөө акылман аталган. Акылмандык сынга толуу шарты: акылдуу жетилип, бардык нерсеге акыл коё ала турган; элдин, адамдын көйгөйүнө акыл көрсөтө ала турган; бийик, билги атактарына толуп-ашкан, элге акыл болорлуу санат, насыят, макал, ылакап, нускоо сөздөрдү чыгарган, «баш – акыл үчүн, акылман – эл үчүн» болгондо акылман атка конот. Кыргыз адам сынчылык тарыхында, айкөл Манас бийлигине акылмандар тобун кураганы, анда, олуя, кеменгер, даанышмандар болгондон бөлөк, арналуу акылман аталган Бакай (кийин олуя), Алмамбет (даанышман) сыяктуулар болгон. Ал Каныкейды калк арналуу акылман атаган. Каныкейдин акылмандык чегин: «Жаманды күткөн жакшыдай, \ Жиндини күткөн бакшыдай, \ Бакшыны күтөр кожодой…» (СО) – деп, жаманга жакшы мамиледе болуп, жиндини айыктыруучу бакшы боло аларын белгилеп, теңдеши жок акылмандыгын сүрөттөгөн. Акылмандар ар бир элде, ар бир айылда болгон. Жакынкы заманда, кыргызда «беш аке» аталган акылмандардын акылмандыгын басма сөздөрдө жазып келет. Акылмандардан, көбүнчө, элге акыл болорлуу сөздөр калган. «Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт», «Акылмандын кеби кеп, баары журтка эп», «Акылмандын уга турганы арбын, айта турганы аз» деген сынчылардын сын сөздөрү макалга айланган.
  • Бийик. Ички сынчылыкта эси, акылы, дили жетик, адамгерчилик, морал жагынан сынга толгон адамдар бийик адам деп аталган. Бийик адамдардын ички сыны толумдуу, сырткы сыны жарашыктуу, мүнөзү даркан, ар кандай ишти адам көөнү толорлуу жасаган, кекчил эмес, кечиримчил адамдар бийик киши атагын алган. Адамдын бийиктик чегин «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген макалга такаган. Бийик адамдар качан болбосун эл камын, жер камын жегендер болгон. Ар бир айылда бийик адамдар кийинки урпактарга үлгү болуп келет. Жакынкы кезде Курманжан датканын эл камын көргөн, бийиктигин көргөзгөн иштери басма сөздөрдө жарыяланып келет.
  • Билги. Ички сында, эси, акылы, дили толук сынга толгон, өтө баамчыл, абдан сезгир, билүүсү жакшы жетилген адамдарды билги же билгич, биларман атагы менен атаган. Сөз айкаштарында: «сөз билги, жөн билги» болуп келет. Билгичтер адамдын ички сырын, шырп эткен кыймылын айттырбай билүүгө жетишкендер болуп, «ички сырды байкайт го адамдын кыйын билгичи» («Олжобай менен Кишимжан» «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» боюнча) дегендей кыраакы келет. Билги, билгичтин сезгирлик сынын «Кер жыландын кепшегенин, сур жыландын суусаганын билет» – деп сыпаттаган. Ички сынчылык тарыхында, билги мурда өзүнчө атак болуп, тарыхтагы кээ бир хандарды «билги» наамы менен кошо атаган. Алсак «паланы билги хаган» деген сыяктуу. «Чукугандай сөз тапкан», сөздү билип айткан кыргыздын төкмөлөрү, «кызыл тилдүүлөрү», табияттын кооздугун, адамдардын ички-сырткы сулуулугун сезген ырчы, акындар билги сынына толгон сезим адамдары болгон. Билгинин эң чоң өзгөчөлүгү өзүн билүү, эмне иш кылууну билүү жана эмне иш кылбоону билүүсүнөн байкатат дегенди дүйнөлүк акылмандар да атайын белгилеп келет.

Ал сынчылардын сынына толбогон, сын көзүнө илинбеген демейки адамдарды эл өзү адамдын ичи-сыртына, мүнөзүнө карап, жакшы-жаман адам деген сындары менен баалай алатка ыйгарып, «Эл көзү – сынчы» деген өкүм макал чыгарып, сын койгон эмес .

Кыргыз сынчылык маданиятынын адам сынчылыгында ички сынга толтуруу ченемдери жогоруда көрсөтүлдү. Ал эми, адам сынчылыгы ички сын менен гана адамды толук сынга толтура албаган. Адамдын ички-тышкы сыны тең толгондо, гана телегейи тең адам сынына (сапатына) толгон. Ал телегейи тең болуу үчүн, сынчылар эки жагына тең карап: «Өңү сулуу – сулуу эмес, акылы улуу – сулуу», «Эрди кабагынан сына», «Эрдик билекте эмес, жүрөктө» деген макалдарды чыгарып, адамдын ички (жүрөк, акыл) сыны жана сырткы (өңү, кабагы) сынын тең кароону баса белгилеген. Көрсө, адамдыкка толумдуулукту ички сыны, тышкы сынына кароо дүйнөлүк адам таануучулукта бар нерсе экен. Ал дүйнөлүк акыл сүйөр (философ) германиялык Шопенгауэр (Schopenhuar 1788-1860) айтат: «Адамдын өңүнөн адамдын оозунан чыккан сөздөрдөн көп нерселер көрүнөт. Кызыгы, ал ооздон чыккан сөздөр тек адамдын идеясы гана болсо, ал өңдөн ошол идеянын маңызы билинип калат» дегени да адамдын ички дүйнөсү менен сырткы өңү тең адамдыкты көрсөткөн күзгү экенин ырастап турат. Кыргыз сынчылыгы адам таануу дүйнөлүк желе боонун ичинде, акыл менен өңгө тең көз салып, адамды сынга толтурган. Көрсөтсөк, Манастын жубайы Каныкейди атасы Жакып келиндикке сынаганда: «Санирабийга кыз экен,\ Сап сулуунун өзү экен,\ Жыла сүйлөп шыңк этип, \ Акыл толгон кези экен\…Кырк бир кыздын ичинен\ Артык турат жылдызы» (СО), Кошой олуя да Каныкейге сын көз салып: «Сап сулуунун өзү экен…Жеткире акыл ойлогон,\ Тереңдик жайы бар экен»

(СО) – дейт. Ал таанылуу Жээренче чечен (сынчы) уулуна акыл Карачачты келиндикке тандаганда, анын өңү, аракети, суроого жооп берген сөзү, эстүүлүгү сыяктууларын сынга толтуруп келиндикке тандаган. Ал кийин «Акыл Карачач» болуп чыга келген. Ушундай сынга толтуруу качан да ички-сырткы сын туташ каралып келген.

ИЧКИ СЫН АТАКТАРЫ

Экинчи тароо. Сырткы сын

Адамдын өңү, бою сырткы сын аталган. Өң негизи бет ажарын, жүзүн көрсөткөн. Кадыресе бетиндеги «беш мүчөнүн» – каш, көз, мурун, кулак, ооздун сынына көз салынган. Ушул мүчөлөрдүн сыны ал адамдын сулуулук ченин белгилей алган. Ал бою дегенде, бой сыны бийик, орто бой, пакене деген өнө бойдон бөлөк, бойду кураган баш, моюн, көөдөн, бел, кол, бут сыяктуу төрт санынын сыягы, бой мүчөлөрү, мүчөлөрдүн кандайлыгы, мисалы, Каныкейдин «Желке жагы тар экен…» деген бир мүчөсүнүн сыягынан, анын «шору бар» деген, ал кайсы бир адамдардын таманы түз, таман үзөңгүлүгү терең болуу сыяктуу бой мүчөлөрүнүн сыягына, мүчөлөрүндөгү кал белгисине карай адам сынын, анын таалайын жоруган. Сырткы сын өң жана бой деген эки түр боюнча баяндалат. 1. Өң

Өң негизи баш, бет ажарын, жүзүн көрсөткөн. Кадыресе, баштын сыягы, бетиндеги «беш мүчөнүн» – каш, көз, мурун, кулак, ооздун сынына көз салынган. Ушул мүчөлөрдүн сымбаты ал адамдын өң сынын белгилей алган. Сынчылар айткан сулуу, ажарлуу, жылдыздуу, түстүү («Түстүүдөн түңүлбө») же серт, орою суук деген өң наамдар башы жана жүзүндөгү өң чыгара турган мүчөлөрдүн ченине, сыягына айтылган баасы болгон. Ал тургай, өңдү түзгөн ушул мүчөлөрүнүн сынына (чоң, кичи, түз, ийрилигине) карап, адамдыкты жоруган. Мисалы, баш сыягынан, кашынан кайсыл адамдык сапат көрүнөт, көздөн кандай адамдык мүнөз көрүнөт, кандай маңдай, мурун, ооз, кулак ырыска шерик болот деген жорумдарды да айта алган.

Адамдык өңү анын мүнөзү болорун, адамдын өңүнө багып мамиле жасоо керектигин сынчылар, насаатчылар тыкыр айтып келиптир. Бир мисал, комузчулар күү черткенде, комуз кыл буроосун теңшегенде, угуучунун өңүнө жараша күү, үч кылдын үнүн тандоо керектигин «Кыргыз күүлөрү» китебинде Асан Кайбылда уулу «Кабус наамадан» накыл алып: «11-кылымдагы «Кабус наама» насаатына кайрылалы: «Уулум, жыйында олтурганда байкагын. Угуучу кызыл жүздүү буурул сакал болсо, мукам күү черткин. Эгерде сары жүздүү болсо, бум (жоон үндүү кыл) менен черткин. Эгер кара тору, жүзүнөн ашыглык ышкысы жанып турса, мукам күү аспабынын үч кылы менен тең черткин. Эгер ак жуумал, семиз, олдоксон адам болсо, жоон үндүү кыл менен черткин. Жыйында, үлпөттөрдө (угармандарыңа) карагын. Даанышман адамдарга жагымдуу күү кайрыктарынан черт. Карыларга арман күүлөрүнөн черт. Баатырлар, черүүлөр отурган жерде татаал ыкмадагы оор күүлөрдү чертемин деп жыйындын шаабайын суутпа».

Адам сынчылыгы адамдын сырткы көрүнүшү, мүчөлөрүндөгү белгилерге негиз сын айтууда, анын ички сыны (дили, акылы) сырткы сынына таасир этерин, ички дүйнөсү сырткы өңүнө теберин кошо караган. Кыргыз сынчыларынын мындай карашы дүйнөлүк адам таануу илимине да чиркелип жүргөн. Ырасмий маалыматта, адамдын сын бөлүштүрүүсү: «сырткы сыны 55%, жүрүм-туруму 38%, сүйлөгөн сөздөрү 7%» түзөт экен. Ал дүйнөлүк акыл сүйөр (философ) германиялык Шопенгауэр (Schopenhuar 1788-1860) айтат: «Адамдын тышкы сыны – ички дүйнөсүн көрсөтүүчү сүрөт. Адамдын өңү анын бүт мүнөзүн, өзгөчөлүгүн ачып турат» – дейт. Көптөгөн сынчылар бир адамда тубаса өң жана өзүнүн тарбия көргөн (китеп окуган) өң – эки өң, болот дегенге макул. Муну Шекспир (Shakespeare) мындай ырастаптыр: «Жараткан бизге бир өң берген, ал биз болсо өзүбүзгө дагы бир өңдү жаратып алганбыз» 2 деп, кийин мүнөз, кыялыбыз менен дагы бир өңдү өзүбүз түзүп алат экенбиз. Акылмандардын баамында, бардык адам окшош, бирок адам менен адамдын айырмасы анын өңү – кабак-каш, ооз-мурун, сыяктууларда болуп, алар жөн мүчөлөр айырмасы эмес, кадыресе ички дүйнө айырмасын – адамдын нарк карашы, сулуулук карашы, дүйнө карашын, ошол мүчөлөр айтып турат экен. Ал эми кыргыз сынчылары: «Адамдын жылдыздуусун айбан да билет», «Адамдын тышына карабай, ичине кара», «Кишинин баарын өз нукумуң менен өлчөбө», «Кишинин кишиси бар, бышчунун чийкиси бар» деген нускоолорун чыгарышып, ички, тышкы сындын биримдиги менен адамды сынга толтурган. Адамды сынга толтуруучу мүчөлөр:

1) Баш. Сынчылыктын сын көзү оболу адамдын башына түшөт. Адамдын өңү, сыны башына жараша, арийне башка жараша өң, жүз, жүздөгү мүчөлөрдүн кандайлыгы калыптанган. Башка өң чыгаруучу, адам менен адамды айырмалоочу мүчөлөр жайгашкан. Сынчылар «баш» деген сөз сан боюнча «биринчи», чен боюнча эң башкысы деп тааныйт. Ошондуктан, адамды сынга толтурууда, оболу, башка көз салат. Башты сырткы көрүнүш сыягы жана баштын ичиндеги ички дүйнөсүнө карай «Аш – ээси менен, баш – мээси менен» – деп сынга толтурат. Баш курамдык жагынан: эки чыкый (көз чара сөөктөрү), төбө сөөгү, кара куш (кежиге сөөк), тыңдоок сөөк (кулак түбү сөөгү), эки жаак жана куйкадан (баш териси) куралат.

Ушул сөөктөрдүн ар бир адамда окшобой өсүүсү менен ар бир баштын сыягы окшобойт. Баш сырткы сынын: тоголок баш, сөлпү баш, керки баш, соку баш, чоң баш, чиңгил баш деген аталыштар менен атаган. Адамдын өңүн: «Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот» деп белгилеген. Ал баштын ичин мээге карай сынга толтуруп: мээлүү, мээси толук, мээси курч, мээси бөксө, көк мээ, мээсинде суусу бар деген сыяктуу аталыштар менен атап, мээнин толуктугун акыл менен, эс-тутум менен чендеп, «Акылсыздын мээси жок, карыганча эси жок» деп белгилеген. Сынчылар башты мындай жактардан сынга толтурган:

Баш – жан. «Баш» сөзүнүн маанилеши «жан» болгон. Башын саюу \ жанын тигүү, башы менен жооптуу болуу \ жаны менен жооптуу болуу, баш алуу,\ жанын алуу деген сөз айкаштарында «баш менен жанды» бирөөнүн ордуна бирөөн колдонсо мүчүбөгөнү маанилештигин белгилеп турат. «Башына күн түшүү», «башына бак конуу» деген сөз айкаштарындагы жана «Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет, эл башына күн түшсө, кыштын күнү үй чечет», «алтын башың аман болсун» деген макал, алкоодогу «баш» жан деген сөздүн маанилеши болуп айтылган. Дагы «баш кошуу» деген үйлөнүүгө колдонгон сөз да өз ара жанын (дилин) кошту деген улуу сөз менен туюнтулган.

Баш – акыл. Сынчылар адамдын акылы башында сакталат, «Илим башка жугат, кына ташка чыгат», мээ – эс-тутум кампасы, – деп караган, ал карашты: «Баш – акылдын кабы, көз – жандын айнеги» деген тыянак менен ырастаган. Дагы нускоо берип: «Акыл – баштан, асыл – таштан», «Баш – акыл үчүн, акылман – эл үчүн» – деп көрсөткөн. Мээси толук дегени акылы жетилген дегени болгон. Мээни толтуруу акыл чогултуу жүрүшү болуп, акыл, билим мээлүү деген сынга толгон. «Улуулукка жаш жеткирбейт, баш жеткирет» дегени да, улуулук акылдан болот деген корутунду болгон. Мээси жетилбегенди (билими жетилбегенди) башы иштебейт, башы жетпейт, «акмак» атап: «Акмак баштан акылдуу ой чыкпайт» – деп корутунду сын айткан.

Баш – зоболо. Кыргыз сынчылыгы «зоболону» баш менен ченеген. Эл ичинде зоболосу жогоруну «баш киши» деп атаган. Элди бийлөөчүнү «эл башы» деп урматтаган. Кыргыз тарыхында, жогору бийлик ээсин эр, хаган аташтан мурда «баш киши» атаганы бар. Он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы деген мансаптагылар ошончо сандагы түтүндүн баш кишилери болгон. «Башына бакыт кушу конду» дегени да бийлик башына конду деген мааниде айтылган. Ар кандай жакшылык иштерде «баш куттуктоо» салты калыптанган. Баш сынына карай, сынчылар адамдын зоболосун (бийлигин) жоруган.

Баш – намыс. Сынчылык намыс адамдын адамдык кадыры, ал кадыр башынын эл ичинен көрүнүшүн чен кылат деген карашты карманат. «Башы көрүнүү» деген сөз айкашы ал адамдын эл ичиндеги кадырын белгилегени болгон. Намысты сактоодо «баш ийбөө», «Баатырдын баш ийгени – өлгөнү», «Колдон намысты кетиргенче, башты кетирген артык» деген ченемдерде баатыр намысы (кадыры) баш менен өлчөнүп турат. Ал «баш ийүү» болсо, кадыр салуу маанисинде, «Алдыңа баш ийип азамат келсе, эр кунун кеч», «Ийилген (же ийген) башты кылыч кеспейт» деген макалдар менен баштын ийилүү наркынын жогорулугу белгилеген. Сынчылар башты кандай алып жүрүүнү адамдын намысына байлап сынга толтурган.

Баш – мүнөз. Сынчылык баштын ички (мээ), сырткы сынына карай, адамдардын мүнөзүн сынга толтурган. Соорунда, киши көзүнчө башты кандай кармануудан ал адамдын мүнөзүн байкаган. Башты булаңдаткан, башты кылжыңдаткан адамдардын мүнөзү жеңилтек, калжоо аталган. «Жаш баш, боз баш» деп турмушка жаңыдан катышкан, тажрыйбасы жоктор мүнөздөлсө, «как баш» көптү билген, турмушка маш болгондор мүнөздөлгөн, сынчылар: «Алдаса болот жаш башты, канетсе болот как башты» деген макалды чыгарган. Ал эми мээси жетилбегендер «маң баш, эт баш, уй баш, бака баш», «Чоң баштын да маң башы бар» деген мүнөздөр менен белгиленип, сынга толбогон. Чыкый сөөгүнүн үстүнө эт байлабаган, чыкыйы ичине бөксөрүп турганды «куу чыкый» атаган. Куу чыкыйлар өз сөзүндө турма, ачуулуу мүнөздө болот деген.

Баш – тил. Баш ымдоо жаңсоо тилдик кызматты да аткарат. Башты (ээк жакка) ийкөө «макул» дегенди, башты (эки кулак жакка термелтүү) чайкоо «болбойт» деген тилдик жаңсоону туюнткан. Дагы башты «кежеңдетүү» (кежиге жагына шилтөө) кежирлик, бой бербестик маанини, башты булгалап сүйлөө калжоолук маанини туюнткан.

Баш – жорум. Башы чоң, ага жараша кулак, мурун, көз чоң болсо, баатырлык, ырыска шериктик сын көрүнгөн. Ал баштын кара кушу жетилип, керки баш болсо, кежигеси чуңкур келип, кыйык, өжөр келет деп жоруган. Төбө сөөгү жетилип соку баш болсо, мээнеткеч, колуна дүнүйө турбаска жоруган. Башты аттабаган. Күрөшүүдө башты аттап кетсе, абдан жаңжал болгон.

  • Чач. Баштын куйкасына чыккан түк (жүн) чач аталган. Сынчылык чачтын коюу-суюктугуна, кайраттуу-уяңдыгына, чачтуулугуна карап, адамдын ички жана сырткы сынын белгилеген.

Чач – көрк. Сынчылык адам сырткы сынына, башка көрк киргизген чач деп карайт, чачты асырап, тарап-сылап, чач жасатып сындуу жүргөндү сынга толтурган. Саксайып, үксөйүп жүрүү сынга толбогон, ал тургай: «Таздын темир тарагы бар, коёрго жер таппайт», «Таз таранганча той таркаптыр» – деп, таздын да таранып жүрүү адаты бар экенин белгилеген. Бала чоңойтууда анын чачынын жетилүүсүнө өзгөчө караган. Сынчылар: «Баланы мээнет чырмаса, саргарт түшүп таз болот», «Ойноп жатып ыйлаган бала таз болот» деген нускоону берип, адамдын чачы жок болуусу көркүнө таасир этерин бышыктаган. Бирок тазды да кемсинтпей: «Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт», – деп жооткоткон.

Чач – кадыр-барк. Сынчылык чачтын жарашыктуу, салттуу, мазмундуу болуусуна өзгөчө көңүл бурган. Болуп да кыздардын чачына сын көз салуу, кыздардын ажарын, кадырын чачтан белгилөө сынчылык салты болгон. Сынчылардын: «Аттын көркү – жалында, кыздын көркү – чачында» деген сыны элдик макалга өткөн. «Кыздын кырк чачы – улуу» деген салтты калыпташтырып, кыздардын чачынан кадырын көрсөткөн. Кыз сынын «кырк чач» менен ченеген, ал чачынын өсүү, жетилүүсү дене кубаты, ички духу менен байланыштырып караган. Кыз өрүм чачына улуулук мазмундарды киргизген. Кыздын чач өрүмүн оң-сол эки жакка жара бөлгөн, ал кыргыздын оң-сол эки чоң уруулук курамын белгилеген. Кызды күйөөгө аттантарда ырасмий «чач сылоо, чачын өрүү» аземи иштелип, кыз чачын как маңдайдан жара тең бөлүп өрүп, келин болуу өмүр баскычын билдиргенде, тең бөлүүсү төркүнгө жана кайын журтка тең, тегиз болуу адамдыкты насааттап, чач учун ак кебез менен учтап, «агарып-көгөр!» деген алкоону айткан. Ал оң-сол эки жагын 20дан кырк өрүм санга толтурган. Чачтын кырк өрүм болуусунун мазмуну мол, «акыл сүйөрлүк», табият мыйзамын такоол кылып, ырымдык салтты калыпташтырган. Табияттын кыш, жай кырк чилдеси, кырк уруу эл, кырк чоро сыяктуу кыргыздын «40 ыйык» санын мазмун кылса, ал кырк өрүм чач: саамай чач (жаак чач), маңдай чач (көкүл чач), эмгек чач (төбө чач), желке чач (кежиге чач, акыл чач) деген төрт мерчемге бөлүнүп, бир мерчеми оң-сол (5+5=10) он өрүмдөн болгон. Бул төрт мерчем табияттын төрт мезгилин, адам табиятынын төрт курагын эликтеген. Адам жаш курамы биринчи мерчемде, оболу, саамай (жаак) чачтарын ак чалат, аны «ак саамай» атайт. Андан дагы бир мерчемде, маңдай чачка ак жармашат, андан соң эмгек (төбө) чачка ак сүрүлөт, соңунда желке чачты ак каптап «ак баш» курамына толук кирет, ошондуктандыр, желке чачты «акыл чач» атап, акылга толгондукту белгилесе керек. Ошентип, кыздардын ар бир тал өрүм чачына ыйык мазмундарды коштоп, «Кыздын кырк чачы – улуу» деген макалды калыпташтырып, чачынан кадырын ашырып, баркын көтөрүп, энелерди улук орунга койгон.

Чач – жорум. Сынчылык чачтын куйкасы калың, чачы кайраттуу, өтө коюу эмес, суйдаң тартканын кайраттуулук, ооматтуулукка жоруйт. Чачы уяң, абдан коюу, түйдөктөлүп турса, андайды «жүн баш» атаган. Сынчылар: «Жаман атты жал басат, жаман аялды чач басат» – деп сын берген. Ал жакшы аттын да жалы суйдаң тартып, бакпайбай турганы сынга толгон. Каныкейдин кежиге чачын: «Кежиге чачы жүн экен, \ Кешигинен эмгеги –, \ Кейиши мунун көп экен! \ Төбө чачы жүн экен, \ Туубас болчу неме экен!» (СО) -деп жоруганы бар. Сынчылар: Сокур – орой; таз – кыйык, таарынчаак; бучук – кыйды» деген жорумду айткан. Ал чачтын уйгалактап турган жерин «уюл» атайт. Кээ бирөөнүн уюлу төбөсүндө, кээ бирөөнүкү маңдай чачында болот, төбө уюл жакшылык, ал маңдай уюл бактысыздыкка жорулган.

  • Маңдай. Сынчылар адамдын өңүн, маанайын көрсөтүүчү, ички дүйнөсүн таанытуучу күзгүсү баштын маңдай бөлүгү деп карайт. Маңдайды «чеке», «бешене» деп да атайт. Кадыресе, бүт тагдыры, бактысы «Бактылуунуку маңдайга жазылуу», маңдайына бүткөн, «Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт» деген жорумду айтат. Маңдай кабак сөөгүнөн тартып, чач алдына чейин болгон, беттин үстүнкү бөлүгү, атап айтканда, каш менен чачтын ортосундагы ачык жер маңдай болуп, ал чач менен кабактын аралыгына карай, кең маңдай, тар маңдай (түк кабак) деп аталат. Ал маңдай сөөгүнүн сыягына карай: жазык маңдай, жазы маңдай, жайык маңдай, дөң маңдай, кайкы маңдай, тайкы (түз эмес) маңдай, босого маңдай («Босого маңдай, боору таш, \ Бекемдик жайы бар экен» «Манастан») деген сындар менен аталат.

Маңдай – маанай. Сынчылар маңдайды жүрөктүн (көөндүн) көрүнүп турган бөлүгү катары көргөн. Адамдын кубанычы, капалыгы, оболу, жүрөккө (көөнгө) барып согуп, андан соң дароо көөн жообу маңдайдан маанай болуп көзгө көрүнөт деп караган. «Корккондон жүрөк айрылбайт, кубангандан маңдай жарылбайт» – деп, жүрөктү маңдай менен туташ көргөн. Сынчылар көөнү (жүрөгү) жакшынын маңдайы качан да жарык, көөн тазалыгы жылдыз сыяктуу маңдайын жарытып, «жылдыздуу киши» болуп көрүнөт деген сынын айткан. Ар кандай кезде, адамдын маанайы маңдайына чыгып, кубанычын маңдайы жазылуу, ачык болуу, капалыгын маңдайы салыңкы, маңдайы түрүлүү болуусу менен адамдарга туюнткан. Ал тургай, чиренген, кекирейген маанай чомочосун (маңдайын) чоюп турган сыягынан билинген. Иши ийгиликтүүнүн «маңдайы ачык» болорун, «Малды жакшы баксаң, маңдайың ачык болот» дегенди сынчылар нускаган.

Маңдай – эмгек. Сынчылар адамдын эмгегин, түйшүгүн маңдайынан көргөн. Өткөргөн эмгекти «маңдай тери» атаган. Санатчылар: «маңдайдын көркү – тер менен…» – деп ырдаган. Кандай жумуш, эмгек менен алпурушканы маңдайындагы «тырыш» баскан изден көрүнгөн. Ал тургай, илим, маданият жумушу менен болгон адамдардын маңдайы, кара эмгек иштеген адамдардын маңдай айырмасы таасын көрүнүп калган.

Маңдай – жорум. Сынчылар биринчи эле адамдардын маңдайына көз салып, ал адамды маңдайынан сынга толтурган. «Баатыр болмок маңдайдан, чечен болмок – таңдайдан» деп, жазы маңдайды баатырлыкка, ырыска шериктикке жоруган. «Манаста»: «Маңдайы жазы, башы кууш, \ Бар боюнда турат тууш!» (СО) – деп, Манастын туулган кездеги маңдайын сынчы биринчи көргөн. Жазы, жайык маңдайлууларды бактылуулукка жоруп: «Багы ачыктын – маңдайы жарык» деген. Маңдайы тарды (түк кабакты) үйдөн алыс кетпеген, аңсаганына жетпегендер деп жоруйт. Кайкы, тайкы маңдайлууларды «маңдайында шору бар», «шор бешене», «Манаста» Каныкейдин маңдай сынын: «Маңдай сөөгү дөң экен, \ Арылгыс шору көп экен» – деп жоруйт. Маңдайын (маанайын) ачпаган, үңкүйүп жүргөндү «шүйкүмү бузук» деген. Маңдай тырыштын (чийиндин) жоруму көп болуп, маңдайына таңдайлашкан чийин түшсө мээнеткеч, маңдай ортосуна туурасынан узун бир тырыш болсо, башкалардан көбүрөөк мээнет кылат, маңдайында катар үч тырыш болсо, эң үстүнкү тубаса – ата тырышы, ортоңкусу адам – жек-жаат тырышы, астынкысы жер – колу узаруу (дос-жар) тырышы аталып, ушул үч жактан жакшылык келип, ооматтуу, зобололуу жашайт дегенге жоруйт. Ургаачылардын маңдайында калы болсо, эстүү ургаачы дегенге жоруйт. Кыздардын маңдайы кең (алыс) болсо, ыраакка кетет (алыска үйлөнөт) деп жоруган.

4) Бет. Адам сынчылыгында, өңдү көргөзө турган сын беттен, бет түзүлүшүнөн көрүнгөн. «Эчки тону – этинде, эрдик сыны – бетинде» деген сынчылардын сын сөзү макалга өткөн. Бет «жүз, өң» деген маанилеш сөздөр менен да айтылат. Бет дегени чыкый сөөгүнүн төмөн тарабы, негизи эки жаак үстү болгон. Адамдын баш сөөк сыны окшош болбогондуктан, бет түзүлүшү да түрдүү болгон. Сынчылар бет сынын: чүлмүк бет, жалпак бет, чап жаак, суюк бет, тултук бет, тегерек бет, чарчы бет, жумалак бет деген сындар менен атаган.

Бет – сулуулук. Адамдын ажары, өңү анын бетинен көрүнгөн. Бет түзүлүшү башка өң чыгаруу мүчөлөрүнө жарашып, көбүнчө, субагай, тоголок келгени, ал бетинин оту, бетинин түсү анын сулуулук өңүн чыгарган. Бет сулуулугу адамдын ички дүйнөсүнөн тээп чыгат. Ошого, нурлуу адам, жылдыздуу киши болуп көрүнөт. Бет жүрөктүн (дилдин) көрүнүшү деген тыянакты сынчылар: «Жүз – жүрөктүн күзгүсү», «Жүрөктөгү сыр жүздөн байкалат» -деп корутундулаптыр. Кыргыз сынчылыгында

ички, сырткы сындын айкашуусунан чыккан сулуулуктун бийик үлгүсүн «Манас» жомогунда даана көрсөткөн. «Айың менен күнүңдүн, \ Бир өзүнөн бүткөндөй», «Алтын менен күмүштүн, \ Ширөөсүнөн бүткөндөй» (СО) – дейт, мындай «ай-күн» экөө, «алтын-күмүш» экөөнүн айкаш айтылышы, бирөө ички дилине, бирөө сырткы бетине окшотулуп, ич (дил), сырт (бет) «ширешип» (айкашып) көрүнгөн ааламда жок сулуулукту, демейки адам (сынчыдан бөлөк) оюна алып, тили жетип (тек окшотуп гана), элестете албайт болчу. Ошол сыңары эле, Семетейдин ажары, Айчүрөктүн сулуулугу адам сулуулугу бүт ички дүйнөлөрүнүн сыртына тепкен сулуулуктардын үлгүсү катары каралат.

Сынчылар бет түсүн: ак жуумал, ак сары, кызылдуу, кара, кара тору, чийкил сары, сыйрык сары деген түстөр менен атаган. Ушул бет түсүнө жараша, рухий дүйнөсү бай сулууларды сынга толтурган.

Бет – бедел. Сынчылык адамдын бедели, кадыры анын бети, адам бетти адамгерчилиги, эмгеги, моралы, акылынан келет деп карап, бет-беделин ошол чендерине салып сынга толтурган. Бет табуу, беделдүү болууну кайсы бир сынчы белгилеген эмес, эл өзү анын элге өткөргөн кызматын, адамгерчилигин урматтап, кадырлап жүрүп, беттүү, беделдүү болгон.

Бет – уят. Адамдын башка жандуудан эң чоң айырмасы уятты билүүсү болгон. Кыргыз «Уят – өлүмдөн катуу», «Жаш жигиттин уялганы – өлгөнү» – деп, өлүм менен тең көрүптүр. Сынчылык адамдын уяттуу, уяты жок экенин сынга толтурган. Бетинде кызылы бар, азыраак осол иш, жаман сөз дароо бетине тийип, кызарып кеткенди, «уяттуу» катары, ал эми кумсарган, купкуу өңдү, тултугуй, уяттуу иш бетинен билинбегенди «уяты жок», «бети жок», «бети калың» катары көрүп: «Бети жокко безетки чыгат», «Уяты жоктун бети калың» – деп белгилеген. Сынчылар адам качан болбосун өз бетин, бирөөнүн бетин аёону, бетке чиркөө иштерди жасабоону, «Оосурактын уяты жок, аз гана бетке чиркөөсү бар» деген сыяктуу бетке чиркөө келтирбөөнү, уяттуу бет карманууга нускоо берип: «Өз бетин аябаган киши, киши бетин чиедей кылат», «Чымынды дөө кылба, бетиңди көө кылба» деген. Уяттуулукту адамдын маданийлиги, тарбия көргөндүгү, маданияттуулуктун чени кылып сынга толтурган.

Бет – мүнөз. Сынчылык беттен адамдын мүнөзүн көргөн. Ал бетиндеги булчуңдарынын калың-жукалыгы, кызылдуу, кубарыңкы турумунан кандай мүнөздүү адам экенин сынга толтурган. Бети эттүү, тултугуй, көгүш тарткан беттүүлөр өжөр, көк бет мүнөздүүлөр; ал бетинде эти жука, жылма беттүүлөр алпейим, жароокер мүнөздүүлөр; бетинде кызылы барлар уялчаак мүнөздүүлөр; өңү кумсарган, бети жаагына сорулуп тургандар ачуулуу, мытаам, бет тырмаак («Жаман кыз бет тырмаак болот») мүнөздүүлөр; ыңгайсыз сөз, бет аёочу сөздү, бирөөнүн айыбын качан болсо бетке сала айтканды «бетке чабар» («Бетке чабар терс кыял, бөөдө кырсык тарттырар») мүнөздүүлөр; ал бетин жагдайга жараша бирде кумсартып, бирде жылмалап, түрдүү кубулта алгандар «эки беткейлер» (эки жүздүүлөр) деген мүнөзгө айырган. Сынчылар адамдын эки беткейлеринен сак болууга нускоо берип: «Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк», «Эки жүздүү эл бузат» – деп катуу эскерткен. Сугалактык напсиге берилип, чыккынчылдык, бузукулук, уурулук жасагандарды «кара бет» атап: «Уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара» – деп көрсөткөн.

Бет – жорум. Бети жылма, нурлуу болсо, ырыска шерик, зоболосу бийик болотко жоруйт, «түстүүдөн түңүлбө» дегени – ошол. Ургаачылардын бетинин отунда калы болсо, эстүү, күчтүү ургаачы дегенге жоруган. Ууртунун үстү, же бетинде «казаны» (уюгу) болсо, ырыска шерик дегенге жоруган.

5) Каш. Адамга өң чыгарган мүчөнүн бирөө каш болуп, каш – адамдын маңдайындагы кабактын үстүнө бүткөн жээк жүн.

Каш–сулуулук. Сынчылар каш сыягынан сулуулуктун сынын көргөн. Сынчылар кашты: керме каш, чийдей каш, үксөк каш, суйдаң каш, коюу каш деген сыпаттар менен атаган. Каштын түсүнө, каралыгына көз салган. Керме каш менен чийдей каш, кара каш сулуулукту көрсөткөн. «Каш менен көз жайында болсо – башкасы базарда»,

«Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот» деген сындар макалга айланган. «Адамдын сыны наз менен, маңдайдын сыны каш менен» (Токтогул) дегендей каш сулуулуктун сыны болгон. Кыз кезинде Каныкейдин сулуулугун кашынан: «Ботодой бели ийилип, \Чийдей кашы чийилип» («Манас») – деп, сүрөттөгөн.

Каш – көөн-жай. Каш кабактын үстүндө болгондуктан, каштын сыягы кабак менен кошо көрүнүп, ар дайым каш менен кабак кошмок айтылып, каш менен кабактын сыягынан көөндүн жагдайын көргөн. «Каш-кабагын ачпоо», «каш-кабагына багуу» деген сөз айкаштары «көөнүн ачпоо», «көөнүнө багуу» деген маанилерде каштан көөн көрүнүп турган. Каш серпүү тийишүү көөнүн туюнтканы.

Каш – өлчөм. Каш жана кабак өлчөм сөз катары колдонулуп: «каш какканча» (көз ирмемде), «каш-кабактын астында» (жакын, чукул), «каш-кабактын ортосунда» (ылдам, чукул) «Ажал менен азап каш-кабактын ортосунда» деген сыяктуу өлчөмдөр көз менен каштын аралыгын элестете айтылган өлчөм сөздөр болгон.

Каш – жорум. Каш сыягына карап, адамдын кыялы, ооматына жоромол айткан. Эркек кишинин кашы суюк, уйгалак, үксөгөй болсо, кыялы, мүнөзү чатак болот, иштери ийгиликке жетпейт. Керме каш, чийдей каш ургаачылардын мүнөзү жагымдуу, жайдары болот, таалайлуу келет. Каштын ичинде калы бар ургаачылар ырыска шерик, каштын сыртында калы барлары коромжучул, эркектердин кашында калы болсо, колу жугумсуз келет деп жоруган.

6) Кабак. Адамга өң чыгарган мүчөнүн бирөө кабак болуп, маңдайдын алды, көз чарасынын үстүнкү каш жайгашкан кырбоосу кабак аталган. Эки көздүн үстүнкү кырбоосунда эки кабак болот, ал эки ортосу «кабак куушу» деп аталат. Сынчылар кабактын сынын: бүркүт кабак, күйкө кабак (кабагы терең), жар кабак, көр кабак (үңкүйгөн), жылма кабак, жайдары кабак деген сындар менен атаган. Мындай көрүнүштү кабактын кырбоо сөөгүнүн дөңсөө-түздүгү жана анын үстүндөгү булчуң эттин калың-жукалыгы түзгөн.

Кабак – көөн-жай. Кабактын жай турушу (ачык турушу), төмөнгө салыңкы, же чытылып (куушурулуп) турушунан көөнүнүн жайы көрүнгөн. Кабактын куушу жыйрыла түшкөнү «кабак чытыды» (Каяшадан кабак чытыган жаман), «кабак түйдү» (капаланды), кабактын салаңдай түшкөнү, «кабагы бүркөө», «кабагы салыңкы» (көөнү чөккөнү), ал кабагы жай турганы «кабагы ачык», «кабагы жазылуу» (көөнү жайлуу турганы) болгону болуп, ал тургай, кыз калыңын тергеп «кабак ачар» атаган. «Кабак-кашына караганы» анын көөнүн алганы болгон. Ушундай көөн менен кабакты кыргыз сынчылары туташтыра карап, бирөөнөн бирөөн көргөн. «Ачылган кабак жакшылык көрөт, бүркөлгөн кабак бир балээни көрөт» – деп, кабакты кыялына байлаган.

Кабак – мүнөз. Кабагын ачпай жүргөн, «кабагынан кар жаап» турган адамды кабагы жаман деп атап, сынчылар: «Кабагы жамандын – сабагы жаман» деп сын берген. Кабагы жамандын кыялы жаман болуп, кыялы тагдырын белгилеген.

Кабак – эрдик. Калың, терең кабак (жар кабак) баатырлыктын, эрликтин, тууштуулуктун кабагы деп каралган. Манас төрөлгөндө атасы биринчи сын көз салып: «Жалаяк ооз, жар кабак, \ Жаагы жазы, ээги узун, \ Эрди калың көзү үңкүр, \ Эр мүнөзү көрүнөт!» – деп, кабагынан баатырлык мүнөздү көргөн.

Кабак – жорум. Кабагы бийик, бүркүт кабактар байкер, бардар өтөт. Кабак куушунда калы болсо, ичи тар, кинечил келет.

7) Көз. Адамга өң чыгаруу, жан жарыктык берүүчү мүчөсү болуп, ички, сырткы сындын бардыгын сынчылар көз ченинен көрө алган. Ошого, «Баш – акылдын кабы, көз – жандын айнеги» деген тыянак айткан. Көздүн көптөгөн курамдары бар, бирок сынчылыкта көз чарасы, көз чанагы, көз жабыгы, кирпик, карек, көз агы, көз кычыгы, көз жаздыгы деген курамдарынын туташ бирдигин сынга толтурган. Көздүн сынын түсүнө карай: ала көз (көзүнүн агы көп), кара көз (кареги капкара), кой көз (коңур), чекир көз, көк көз (кареги жашыл) атаган; чоң-кичили-

гине карай: бото көз (чоң көз), бакыраң көз, бадыраң көз, жалжал көз, чычкан көз, жыртак көз атаган; мүнөзүнө карай: ач көз (сугалак), тик көз (мытаам), жер көз атаган; көз сыягына карай: алчы көз (көз ичи кыйшык), чалыр көз (көз агы кыйгач) «Чалыры турса көзүндө, чалгырты болот сөзүндө» («Манас»), чүңүр көз, тосток көз (чанагы көз чарасынан чыгып турган), бүтүк көз, шишик көз деп көздүн жабыгы жана жаздыгы шишиңки тартып тургандарды атаган. Бүтүк көздөрдөн ачык-айрымдык көрүлбөгөн.

Көз – сулуулук. Сынчылык көздүн сулуулук ченин кареги кара, көзү чоң (Ай чырайлуу, бото көз «Манас»), бадыраң көз, бажыраң көз, кирпиги узун (Кирпиги узун тунук көз), тик (төгүлүп турган), сурмалуу, көз жабыгы, көз жаздыгы түз (шишиги жок) болушуна карап сынга толтурган. «Көзүң чалыр болсо да, сөзүң кыңыр болбосун» деп, көз адамдын сулуулук ченинин жогоркусу эсептелген. Сынчылар: «Сулуунун көркү – көзүндө, чечендин көркү – сөзүндө» – деп, сулууну көзүнөн сынга толтурган.

Көз – көөн-жай. Сынчылар көздү адамдын ички сынынын (ички дүйнөсүнүн) күзгүсү деп, «Көздөн – көңүл көрөгөч», «Көздүн сокуру көрөт, көкүрөктүн сокуру көрбөйт» экенине теңеп, көздөн көөн-жай, көөндөн көз аракети билинерин айтат. Элдик акылда: «Көңүлдөгү сырды көз билдирет» деген. Алсак, көзү күлүңдөп, жайдары көрүнсө, көөнү жайында богону; көзү алаңдап, «үрккөн төө көздөнүп» көрүнсө, «көөнү тынчыбай», коркунучта экени; көзү кылыйып, «ууру мышык көздөнүп» көрүнсө, кандайдыр көөнүндө жашырганы бар экени билинген. «Жүрөгүндө оту бар\ көзүндө оту бар, көзү тирүү \ дили ачык» – деп, алмашылып айтылган сөз айкаштарынан жүрөк (көөн) менен көз бирөөнөн бирөө көрүнгөн туташтыкты туят. «Көкүрөгү сокур менен алгыча, көзү сокур менен алсын», «Көкүрөгүн жоготкондон – көзүн жоготкон артык» деген элдик акылман корутунду көкүрөк (дил) менен көз адамдыкты ченөөчү катар тараза экенин эчак ырастап койгон.

Көз – тил. Адамда ооз менен айтылбай, «ымдоо-жаңсоо» аркылуу туюнта турган тил болгон. Ошондогу «ымдоо» тили көздүн кыймыл-аракети менен туюнтулат. Көз кысуу, көз ымдоо (жашыруун туюнтма); аңтара кароо, чекчейтүү, алаюу, акыраюу, кадала кароо, жаман көз менен кароо (олурая кароо), тирмейүү (ачуусун, кыялын туюнтуу); жалооруу, жалжаюу, көз сүзүү, көз кылгыртуу (сезим туюнтуучу) ымдоо тилдери болгон. «Ал көзү менен тең айлануу» дегени, көздү жуумп (бардап) койгону макул экенин, көзүн жуумп башын чайкаганы «айтпа» дегени болуп, ошол көз ымдоо жагына, көз кыймылына тил алууну көрсөткөн.

Көз – мүнөз. Сынчылар адамдын көзүнөн ал адамдын мүнөзүн сындай алган: Чынчыл, акылман адамдардын көзү (кареги) токтоо, уюп, күңүрт нур (күүгүм туман көздөнүп «Манас») көрүнгөн; Чуут, токтолгосу жок, алашаңкы адамдардын көзү (кареги) ойноктоп, жылмаңдап, токтобой турган; Жоош-момун адамдардын көзү жер көз, жалдырама (көз карама), бирөөнүн көзүнүн агы менен айланма; Ал сугалак, сук адамдар «ач көз» аталып, ар кандай нерсеге көз атуу, көз артуу, сук карагандар болгон, «Ач көз адам тойбос, соргок соргоктугун койбос» дегени, адамдын «көзү тойбойт» дегени, ач көздүк мүнөздү сыпаттаганы; Кур чирен, көйрөңдөрдүн көзү асмандап, кайдыгер карап, көзгө илбей карагандар болуп, «көзүн май баскан» болуп мүнөздөлөт; Көзүнүн жабыгы тар, көзү кабак сөөгүнө тирелип турган көздүүлөрдү «тик көз» атаган. Тик көздөр мытаам, аёосу жок болгон; Көзү чоң болсо, коркунчаак, көзү кичине болсо, ичи тар, кызганчаак мүнөздүүлөр болгон.

Көз – жорум. Сынчылар көзүндөгү ар кандай белгилерине карай, анын адамдыгын, ырыскылуу, ооматтуулугун жоруган. Көз чарасы чоң, нуру балбылдап, көзүнүн агында кызылы көп, «көзүндө оту барлар» кайраттуу, зобололуулар; кирпиктери узун, тик, кайраттуу болсо, ырыска шериктер; Көзү чалыр, кыйшыктар ишенимден мүчүгөндөр; ала көздөр суктар; Көз жабыгы жука, такыр көздөр дөөлөткө шерик боло албагандар; Көз агында калы босо, «көзү жаман», «жаман көздүү» аталып, назар түшүрүп бир нерсени караса, көз тиет деп жоруйт. Көз жабыгында, көз жаздыгында, көз кычыгында, көз сурмасында кара (кызыл эмес) калы болсо, жакшылыктын калы катары жоруйт. Көз жабыгы (бүлкүлдөп) тартса, оң көз тартса, кубанычка, сол көз тартса, капалыкка жорулат.

8) Мурун. Тынык алуу, жыт алуу сыяктуу кызматтарынан бөлөк, өң чыгаруучу зарыл мүчө, өңдүн сынын көрсөтүүчү чендин бирөө мурун болуп, ал каңшаар, таноо, мурун учу деген үч бөлүктөн сыны көрүнөт. Каңшаары түз, кырдач, эттүү болсо, таноосу кыпчыйбаган-керилбегени сынга толумдуу көрүнөт. Мурун кээде «тумшук» деп да айтылат. Сынчылар мурундун туулма сыягына карай: кырдач мурун, кыр мурун, орок мурун, ормогой мурун, куш мурун, ит мурун, бучук мурун, боорсок мурун, чолок

мурун, келте мурун, шаңыр мурун, чүлүк мурун, чокмо мурун, кетирекей мурун, быйбык мурун, барбак мурун, чоң мурун деген сын аттарды койгон. Ушул мурун сыяктарына карап, өңүн, мүнөзүн, ооматын жоромолдогон.

Мурун – сулуулук. Мурундун калптуу сыягынан сулуулук, ажарлуулук өң көрүнгөн. «Оозду бүйүрсө болот, көздү сүзсө болот, бул теңир урган мурунду канетсе болот» деген ылакап мурундун табийгы сыягынан айтылган. Эрлердин каңшаар кырбоосу жетик, эти толук, таноосу барбагай келишин сынчылар: «Ат эриндүү келет, эр мурундуу келет» деп белгилеген. Ал ургаачылардын каңшаары кырдач, мурун учу түз, эт байлаган (шиш мурун эмес), таноосу жыйнак болгону сулуулук сынга толгон.

Мурун – мүнөз. Сынчылар адамдын мурдунан анын мүнөзүн көргөн. Мурун каңшаары, мурун учу, таноосу толмоч, барбайып турса, жоомарт, эр мүнөз, «…эр мурундуу келет» дегенге мүнөздөмө берген; Тоголок мурун, топчу мурун, кетирекей мурундууларды «мурдун көтөрүү», «мурду дердейүү», «мурду балта кеспөө» (тоотпоо), «мурдунда курту бар» (чус) деген сөз айкаштары менен кербез, көтөрүлмө, кур чирен мүнөздөгөн; Учмак мурун, кууш мурун (таноосуз), шиш мурундууларды «суу мурун», «суу мурун сөлөк» атап, алар мурдунун суусун тарта албаган бош, бошоң мүнөздөгөн. Чүлүк мурун, чокмо мурундуу, таноосу кыпчыгый болсо, ачуулуу, тар, чорт кыял мүнөздөгөн.

Мурун – жорум. Мурду түз (кайкы эмес), эттүү (такыр эмес) болсо, ооматтуу, ырыска шерик деп жоруган.

Каңшаары кайкы, ийри (ийри тумшук) болсо, оокат жолу ийри, шыдыр болбойтко жоруган. Каңшаар түбүндө тырышы же калы бар ургаачылардын жашоосу катаал өтөткө жоруган. Таноосу толук, барбыйыңкы болсо, ырыска шерик, ал таноосу жалаң (эт байлабаган), кыпчыгый болсо, колу жугумсузга жоруган. Ал мурдунун учу учмакай, ийри (куш тумшук), учунда эт кармабаган (мурдунун учунан күн көрүнгөн) болсо, алдым-жуттумчу деп жоруп, «ийри тумшук адам» атаган. Бучук, быймыт мурундуулар ырыскыдан мүчүйт, таноо жээги тереңдер ырыскылуу, мартабалуу келет. Мурун учунда калы болсо, байлыгы берекетсиз, мурун үстүндө калы болсо, дөөлөттүү өтөт дегенге жоруган. Мурун кычышса, эт жейт деп жорулат.

9) Ооз. Өңдү көрсөтүүчү мүчөнүн көрүнүктүүсү ооз болуп, сынчылар ооздун сыягынан адамдыкты сынга толтурган. Ооздун курамы: илеп, эрин, уурт, тиштен куралган. Ооз чоң-кичи сыягына карай, кап ооз, жалаяк ооз, оозу чоң, оймок ооз, чүймүк ооз, чормок ооз аталган; Ал илебинин турумуна карай, шалпык эрин, чормок эрин; калың-жукалыгына карай, илеби жука, түйрүк; ууртунун

түз ийрилигине карай, кыйшык ооз, кемшик, муйрук ооз аталган. Сынчылар ооздун толумдуулук белгилерине карай, анын өңүн, ооматтуулугун жоруган.

Ооз – сулуулук. Адамдын өңү ооздун сыягына баккан. Ооз адамдын бет түзүлүшү менен жарашып келсе, эркектердин оозу чоң, эриндери белгилүү калыңдыгын сактап, кашка тиштери чоң, текши болсо, ургаачылардын оозу кичинекей, оймок ооз сулуулук сынга толгон. «Оймок ооз, кумар көз, өзүнө теңтуш алганы» (Барпы). Өң ачууда, ооздун сыны, анын ичинде тиштин сыны бөтөнчө көзгө урунган. Тиш эки санда болуп, кээ бир кишиде 32 тиш болсо, ал эми кээ бирөөндө 28 тиш болот. Тиш сынын ара тиш, майда тиш (күрүч тиш), орсок тиш деп бөлгөн. Тиштин аталыштарын азуу тиштер жана майда тиштер деген эки түр боюнча атаган. Азуу демейдеги (28 тиштүү) адамдарда: түпкү азуу, ортон азуу, четки азуу, акыл азуу, казык тиш деп (5х4=20) жыйырма азууну атаган. Майда тиштерди, маңдай тиш (кашка тиш) төрт, астынкы тиш төрт болуп, сегиз (4+4=8) майда тиш эсептеген. Ал эми 32 тиштүүлөрдүн майда тишинин саны артык болуп, маңдай тиштин эки жанына экөө, астынкы майда тиштин эки жанына экөө артык чыккан болот. Кашка тиши чоң, түз, аппак болсо, өңдү «кашкайтып» бөтөнчө ачкан. Оозду ырсайтуу, ыржыюу, чоюштуруу, ылжыюу, ооз керүү сыяктуу жоруктар ооз сынын бузган кыймылдар болуп, «Оозду бүйүрсө болот, көздү сүзсө болот…» дегендеги «оозду бүйрүү» өңдү ооз сынынан көрсөтүү аракетин иштегени болгон.

Ооз – тил. Демейде «ооз» сөзү «тил» деген сөздүн атоочу болуп маани берип, сөз деген өтмө мааниде колдонулат. Ошого акылмандар: «Ооз – сөздүн ээси» деп тастыктаптыр. Ал тургай, «Ооз – бирөө, кулак экөө, бир сүйлөсөң, он тыңша» деп, оозду «жалгыз» катары аяп колдонууну, «Ооз айгак, тил – тайгак» болуп кетээрин эскертип, оозду башкарууну «напси» башкаруу чегинде кармануунун акылын чыгарган. Акылмандар: «адам баласы үч жашарында эле сүйлөөнү үйрөнүп алганы менен, өмүр бою аз сүйлөөнү үйрөнө албайт», «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн» болуп, сүйлөгөнгө көнгөн. «Оозуңа май» дегени, тилдин жакшы маанисине айтылган алкоо, ал эми «оозу жаман, балит ооз» дегендер анын тил колдонуу маданиятын жаманын көрсөткөнү болуп, ал ооздун сыягы менен байланышы жок.

Ооз – мүнөз. Оозу чоң, уурту толук (мурчуйган) адамдар токтоо, түз мүнөздүүлөр эсептелген. Илеби жука адамдар сүйлөөк; илеби түйрүктөр мытаам, ачуусу чукул; орсок тиш, ууру тиштүүлөр кыйды келет, деген сынчылар.

Ооз – жорум. Оозу чоң, илептери кызыл, астынкы эрини учмакай, уурту ээк жагына сызыкталып түшүп турса, ырыска шерик, «ырысы ууртунан куюлуп турган», «оозунун салуусу бар» дегенге жоруйт. Отуз эки тиштүүлөр эстүү, кашка тиши чоң болсо, дөөлөткө шерик, үстүнкү эрдинде калы болсо, жакшылыктуу кал деп жоруйт. Орсок тиштүү, ит тиштүүлөр (арсак-терсек) чата, мээнеткеч дегенге жоруйт. Тилинде калы (мөөрү) барлар каргаса, октой тиет деп жоруйт. Илеби тартса, жаңы даам жейт болуп жорулат.

10) Кулак. Кулак өң сынчылыгынын көз сала турган мүчөсү болуп, кулактын сырткы сыны анын көрүнүшү болсо, кулактын ички сыны дилге, адам духуна маалымат чогултуу, адамга акыл (билим) киргизүү мүчөсү болгон («Бир күнү жаңылык укпаса, кулак дүлөй болот»). Кыргыз сынчылары: «Көздүн көргөнүнөн кулактын укканы көп» деген макалды чыгарууда «көргөндөн», «укканы» көп болгондо, «узун кулак» болгондо, анан акылмандык билимдерди чогултат деген тыянакты чыгарган. Сынчылар кулактын сынын: калдаң кулак, делдең кулак, жаргак кулак, шала кулак, чунак ку-

лак, молок кулак деп ат койгон. Кулактын сыягы адамдын өңүн ачууга, кандай адам экенин, ооматтуулугун билүүгө мүмкүнчүлүк берет деп караган. Кулактын мологу, чунагы, шала кулагы өңгө таасир берет. Энелер кулактын сырткы сынын сактоодо, кулактан чойбоо (чунак кылбоо), кулакка баса тебетей кийгизбөө (шала кулак кылбоо) сыяктуу кулак сынына качан да этият мамиледе болгон.

Кулак – билим. Сынчылык кулактын адам дилине көргөн-билгенди чогултуу, билим чогултуу кызматын өзгөчө баалаган. Кыргыз акылмандыгы: «Сөз атасы – кулак» (сөз идея болгондо, идеянын атасы кулак болот) деген тастыкты салган. Кулактын ошол чогултуу жөндөмүнөн: билимди жакшы кабылдагандар (акыл чогулткандар) сак кулак, куйма кулак («Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка айтса толбойт»), узун кулак, бышы кулак деген сын менен баалаган; ал билимди чала чогулткан, акылды бөксө чогулткандарды кум кулак, акма кулак («Атасы топко кирбеген сөзгө кулак салбайт»), чой кулак деген сын менен атаган. Мындагы узун кулак, куйма кулактар билимди мол чогултуп, акылман, даанышман, андан да жогору олуя, кеменгер болуп жетилиши кулак аркылуу көөдөнгө, курсакка («Кулак укса, курсак кайнайт» дегендей, курсакка чогулган) чогулткан билимдерден болот деп караган. Ошол себептүү акылмандык көп тыңшап, аз сүйлөөнү баса белгилеген. Ал тыянактап: «Бөрү – койго тойбойт, кулак – сөзгө тойбойт, көңүл – ойго тойбойт, көз – көргөнгө тойбойт» деген жашоо мыйзамдуулугун көрсөткөн.

Кулак – мүнөз. Калдаң кулак, далдак кулак аталган кулагы чоң, кулагы эттүү, кулагы текши болгондор эстүү, ишенимдүү, токтоо мүнөздүү болот. Кулак тобурчагы бадырайып чоң болгондор үстөм келет, өзүнүкүн коё бербес, өжөр мүнөздүү болот. Делдең кулак, жаргак кулак (кулагынан күн көрүнгөн) эрлер жеңилтек, ичи тар, эсепчил мүнөздүүлөр болот экен.

Кулак – жорум. Калдаң кулак, далдак кулак, чоң кулак, кулагы эттүү, кулагы текши келгендер ырыска шерик, ооматтуу болот. Чунак кулактар (кулагы чоң, бирок тыңдоогуна жабыша бүткөндөр) колу бардар өтөт. Жаргак кулак, делдең кулактуулардын (кулагы жука, кулагынан күн көрүнүп турган) колу жугумсуз келет. Молок кулак (көнчөгү узун эмес) ырыскысы чоң эмес, колу жугумсуз келет дегенге жоруган. Оң кулак ысыса, туугандар, жакындар кебин кылып жатат деп, сол кулагы ысыса, душманы ушагын айтып жатат деп жорулган.

11) Ээк. Өң сынчылыгы ээктин сынына көз салып, ээктин адам өңүнө болгон таасирин, адамдык өзгөчөлүгүн белгилей алган. Ээк эки жаактын кошулушу болгондуктан, жаактын сөөгүнүн сыягы ээктин турумун (формасын) белгилеген. Ар бир адамдын бет түзүлүшүн, жаактын

сыягы белгилеп, тегерек жаак, сүйрү жаак, чап жаак деген сыяктуу жаактарга жараша ээктердин сыны окшош болбогон. Сынчылар ээк сынын: учмак ээк, тегерек ээк, кем ээк, чарчы ээк, томолок ээк деген түрлөргө бөлүп атаган.

Ээк – жорум. Ээги толук эт кармап, уурт эттери менен бурчуюп толмоч турган ээктүүлөр томолок ээк, ал ээк алды чарчыкей, бирок толмоч келген чарчы ээктүүлөр, ээги бети менен тегерек түшкөн тегерек ээктүүлөр, ээгинде калы барлар ырыскыдан кем болбойт. Ээги ичке тартылып, ээктин учу кемип тургандар кем ээк аталган, кем ээктер оокаттан кем, ырыскыдан кем болот деп жоруйт. Ээги кууш (чап жаактардын), упчугуй ээктүүлөр жапакечтер, токтолгосу жоктор катары жорулган.

2. Бой

Сынчылык сырткы сынды адамдын өңүнө (жүзүнө) көз салып, өңүнө карап сынга толтуруп гана калбай, кадыресе боюна, төрт санына сын көз менен карап, боюн ички дүйнөсүнө, өңүнө шайкештирип, телегейлештирип сындан өткөргөн. Адам таанууда, адамды ички дүйнөсү (руху), сырткы дүйнөсү (сөөгү, эти) деген эки чоң бөлүк боюнча чечмелеп келет. Ошондо, сырткы дүйнө дегени сөөк, эттен куралган бойду көрсөтөт. Сөздүк мааниде «бой» адамдын тике бийиктигин туюнтат. Бүт бойду «азат бой, өнө бой, тула бой» деген аталыштар менен атаган. Адамдын боюнун өсүшүн «чоңойду» деп атаган, «балаң чоңоюп калдыбы?» дегени бою өскөнүн сураганы болгон. Чоңоюунун мерчемдерин бой тартуу, бойго жетүү деген сөздөр менен сылыкташтырып айткан.

Кыргыз сынчылыгы бойдон анын ички дүйнөсүн (акылын) көрүп: «Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер», «Бою келтенин – ою келте», «Бою пакененин – ою бийик», «Сакадай бою – сары алтын», «Боюңа мактанба, оюңа мактан» деген сын корутундулар элдик макалга өтүп, бой менен ойду байланыштырган түшүнүктү калыпташтырган. Сынчылар бойдон адамдын мүнөзүн көрүп: «Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт», «Дүйнөгө мас болбогон, мансапка бой көтөрбөйт», «Мен көргөнмүн чанганды, бой көтөргөн дардаңды» деген. Кичи пейил эместерди «бой көтөрмө» мүнөзгө айырган. Сынчы бойдун бийиктигин узун бойлуу, орто бойлуу, пакене деген чендер менен көрсөткөндөн бөлөк, бою сындуу, сандыктай (чарчы) бою бар, боюн жакшы алып жүргөн деген сындар менен айтып, адамдыкта бойду сындуу, түзөп алып жүрүүнү жактап, «Күзгүгө үйүр – боюн түзөйт, күмөн болгон – оюн түзөйт» деген накыл чыгарган. Бою акылына шайкешпегенди «солдоюп, колдоюп, кирбийип, ырбыйып, тарбайып, дардайып, колдоюп» деген сыяктуу орой окшотуулар менен айткан.

Бойдун курамдык бөлүктөрү. Бойду төбөдөн тартып буттун согончогуна чейинки сөөк кандыргалары түзөт. Ошол ар бир сөөк кандырганын мерчемдеринен бой куралат. Атап айтканда, баш, моюн, мүрү, кол, көкүрөк, бел, көчүк, сан, шыйрак, бут сөөктөрү жана анын булчуңдары бойдун курамдык бөлүктөрү (мүчөлөрү) болуп эсептелет. Ушул бойдун курамдык бөлүктөрүнүн сынын өзүнчө атап, өзүнчө ченем менен сынга толтурган. Ал тургай, сынчылар бойду кураган ар бир бөлүктүн (мүчөнүн) сынынан адамдын ички дүйнөсүн көргөн. Алсак, Манастын туулган кездеги боюна сын көз салган атасы Жакып: «Кең көкүрөк, жайык төш, \ Аркасы кең бели түз, \Айбаты катуу, заар жүз, \ Пил мүчөсү көрүнөт! \ Жолборс моюн, жоон билек, \ Бөрү кулак, жолборс төш, \ Бөлөкчө түрү бар экен» (СО)- деп сынга толтурган. Ушул сыңары, бойдун курамдык бөлүктөрүн (мүчөлөрүн) сынчылар мындай сындан өткөргөн:

  • Моюн. Бой курамынын бирөө болуп, дене менен башты (баш жогоруда айтылды) туташтырып турган уңкул-чуңкул томолок сөөктөрдүн тутуму моюн аталат. Моюн: ооз моюн, тоголок моюн (эки), жоон моюн (эки), арка моюн болуп, 6 бөлүк моюн сөөктөн куралат. Кээ бирөөнүн ушул алты моюн сөөгүнүн бирөө өспөй калган болот да, андайларды «бир моюн, мыкый» атайт. Ал эми моюнду сынчылар «коржок моюн, коркок моюн, укурук моюн, каз моюн, турна моюн, суксур моюн» деген теңөөлөр менен атаган.

Моюн – сулуулук. Сырткы сынчылыкта бойдун сынын моюндун сымбатынан көргөн. Кадыресе, моюндан адамдын бой шаңы, бой жарашыгы көрүнгөн. Болуп да ургаачылардын моюну суу куштардын мойнуна окшоп (каз моюн, турна моюн, суксур моюн) койкоюп турушу сулуулук сымбат, ал эркектердин, баатырлардын мойну жоон, жумуру (Жолборс моюн), түз, коколуу болгону сынга толгон. Ал эми «бир моюн, кыңыр моюндар» сынга толбогон.

Моюн – жоопкерчилик. Сынчылар моюндан адамдын ички дүйнөсүндөгү жоокерчиликти көргөн. «Кемчилигин моюнга албаган, келечегин оюна албайт» – деп, «моюнду» адамдын адамдыгын көтөрүүчү «түркүгү» катары эсептеген. «Мойнуна илинүү», «мойнуна алуу», «моюну менен жооп берүү», мойну кылдай сыяктуу сөз айкаштарынын колдонулушу моюн адамдык жоопкерчилик деген түшүнүктү көрсөтүп келген.

Моюн – мүнөз. Сынчылык адамдын мүнөзүн «моюну жумшак» (алпейим мүнөз), «мойну катуу» (чата мүнөз) дегенге бөлүп көрсөткөн. Ал эми моюну жумшакты «моюн берет», «моюн толгобойт», «моюн сунат» «Сунулган моюнду, суурулган кылыч кеспейт» десе, моюну катууну «тоң моюн», «жоон моюн», «моюн толгомо», «моюн бербес» (көк) деген сөз айкаштары менен атаган. Жалкоо мүнөздү «моюну кош жакпаган», «моюну жар бербеген» деген сөз айкаштары менен сыпаттап, моюндан адам мүнөзүн белгилеген.

  • Мүрү. Бой курамынын бирөө болуп, көөдөн сөөгү менен моюн, кол ашташып турган акырек сөөк мүрү аталат. Мүрүнү «ийин» деп да айтат. Мүрүнүн кеңдиги адамдын бой туурасын, болуп да далынын кеңдигин белгилейт.

Мүрү – бой сыны. Адамдын мүрү сыягы бүт бойдун сынын көргөзгөн. Мүрүгө жарашкан кийим адамдын сынын ачып бергени болгон. Ошого, кийимдин мүрүлүгүнө бөтөнчө маани берет. Сынчылар ар бир адамдын мүрү сыягына жараша: кең мүрү, шалкы мүрү, тик мүрү (конжогой), кууш мүрү деген сыпаттар менен мүрү сынын атаган. Бойду сындуу алып жүргөндөр мүрүсүнө бөтөнчө караган, бала кезде мүрүгө оор нерсе көтөртүп, болуп да кыз балдарга бакандатып суу ташытып, «шалкы» мүрү болуп калбоосуна көөн бурган.

Мүрү – күч. Сынчылык мүрүнү бой сыны катары көрүү менен кошо, аны дененин күч бере турган каруулуу жери катары караган. Алсак, «жүк мүрүдөн басып туруу» (ар кандай оор милдет), «оорчулукту мүрүсүнө алуу» деген сыяктуу сүйлөмдөрдөн мүрү күч катары көрүнөт. Ал тургай жүк көтөрүү, чоюп (буурсун, амач) тартуу, түртүү, такоол кылууда («Оң далынын мүрүгө,\ Оңдоп найза салганы…» (СО) «мүрүгө салуу» каруу чыгаруунун жакшы ыңгайы болгон. Кыргыз акылмандуулугу мүрүнү күчкө символ кылып, көчөт маданиятында «сыңар ийин көчөт» атап, кабелтең, баатырлык сүрдү мүрү көтөрүп, каруу жилик калдайып турган айбарды көчөттөп, аны шырдак сыяктуу күндө көзгө урунган буюмга салган.

Мүрү – жорум. Мүрүнү бой өсүүнүн учу катары карап, баланын мүрүсүн баспайт. Мүрүнүн эти тартса, жаңы кийим киетке жоруйт. Эл ичинде «оң мүрүдө колдоочу (пир), сол мүрүдө азыктыруучу (шайтан) кошо жүрөт (адам таанууда, ар бир адамда акыл менен сезим тең адамдын денесинде (мүрүсүндө) болот деген сыяктуу) түшүнүк болгон. Жерге төгүлгөн акты сөөмөй менен сыйпап алып, оң мүрүгө сүртүп ырымдайт. Кудалыкка түшкөндө оң мүрүгө чымчым ак (ун) чачып акка жоруйт. Балдар олтурганда ийнин кыспайт, ийин кысуу жетимдик, жабыркагандыктын шүйкүмү деп жоруйт.

  • Кол. Бой курамынын бирөө, кол адамдын эң чоң өзгөчө мүчөсү, бардык иш-аракеттин аткаруучусу, эмгектин, дөөлөттүн ээси эсептелет. Кадыресе, бой сынын колсуз элестетүү мүмкүн эмес. Кол жиликтери (курамдары) – далы, каруу жилик, билек, кол башы болуп, сынчылар ушул жиликтердин сыягынан колдун сырткы сынын көргөн. Кол наркы боюнча, колду мындай жактарын сынга толтурган.

Кол – эмгек. Сынчылык колду анын ишинен сынга толтурган. Бой сыны кандай болгону менен, сынчы «ко-

лунан келүү, колунан келбөө» кол наркынын кандайлыгын адамдын сын чени кылган. «Иш кылган колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай сынбайт» деген сынчынын өкүмү макалга өткөн. Турмуштун бардык шарты («Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт») эмгек менен, «Көз – коркок, кол – баатыр» болуп бүтсө, ал эмгек ошол «колдон келген» болот да, «Чечендин – тили орток, чебердин – колу орток» болуп, адамга нарк жаратат. Сынчылар «колунан көөр төгүлгөндөрдү» кол өнөрчү атаган. Анын ичинде эркектерди уста, колу сулдуу атаса, ургаачыларды «уз» деген арналуу атак менен атаган.

Кол – дөөлөт. Сынчылар адамдын жараткан заттык дөөлөтүн «колунда бар, колунда жок, колу узун, колу кыска» деген сөздөр менен туюнткан. Аны «Колдо жоктун – кордугу чоң», «Колу кысканын – тону кыска», «Акыл жетсе да, кол жетпейт» (колдо байлык жок) деген сын сөздөр менен насааттаган. Байлык «колго конот» деп, дөөлөттүн ээсин, турар жерин колго чегерген. Сынчылар адамдардын «колу жугумдуу», «колу жугумсуз» деп сынга толтурган. Адамдарда колдо дөөлөттү кармап (эмгектенип) туруучу, аны (эмгектенбей) чачуучу («Атанын чымчымдап тапканын акылсыз бала күрөктөп чачат») болорун белгилеген. Эмгектенбегенди «колунан иш келбес», «Колуң менен иштебей, оозуң менен орок орбо» – деп эмгекке сүрөгөн. Эл акылмандыгы дөөлөттү «колдун кири» деп сыпаттап, колдун каадасын абдан көтөргөн. Ошого сынчылар: «Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат» (ал кол түбөлүк дөөлөт жаратат) деген санатты айткан.

Кол – тил. «Ымдоо-жаңсоо тилинин» жаңсоосу кол менен иштелген. Кол булгоо (чакыруу), колду сыртка сермөө (кете бер), кол шилтөө (ынабоо), кол силкүү (төгүндөө), кол берүү (жакынсуу), кол (алакан) чабуу (жактоо), бармагын чыгаруу (жаратуу), сөөмөйүн көрсөтүү (кезенүү), ортонун көрсөтүү (күчтүү экенин белгилөө) кол тилдери болгон. Айтмакчы, келин алып чачын сылаганда (чачын өргөндө), кайын эне жаңы келиндин ортон колуна шакек салып: «ортон колдой жетик бол, эч нерседен кемибе!»,– деп алкайт. Чыпалакты көрсөтүү начар экенин белгилеген тил болгон. Муштумун түйүү кайратын, ачуусун, кезенүүсүн туюнткан, эки муштумун биринин үстүнө бирөөн койгулап көрсөтүү «шашпай тур, адебиңи бербесем» деген кезенүү тили болгон. «Кол алышуу» амандашуу, достошуу, убадалашуу, бармагын басуу сыяктуу адамдык кадырга өткөн тил кол болгон. Жетелөө, жетелешүү мээр, махабаттын билдирүүчү тил болсо, оодарышуу (эңишүү), кол күрөш, көк бөрү тартуу сыяктуу кол аракеттер дене күчүн басекелешүүнү туюнткан тил болгон.

Кол – чен. Колду адамдар чен-өлчөмгө ырааттуу керектеген. Кадыресе кол чени улуттун бардык адамына жалпылашып, айтса, канчалык чен экенин түшүнгөн. Кулач адам эки колун кергенде, эки колдун учуна чейин аралык бир кулач болгон. Төш жары бир колду кергенде кол учунан төш сөөгүнүн жартысына чейинки аралык төш жары, же жарым кулач болгон. Карыш кол баш бармагы менен чыпалакты кергенде учтарынын аралыгы бир карыш эсептелген. Нукум баш бармакты керип, сөөмөйдү бүктөгөндө, экөөнүн аралыгы бир нукум болгон. Чымчым баш бармак башы менен сөөмөйдүн башына чымчып алган нерсе бир чымчым болгон. Ууч беш кол (манжа) аткып алган нерсе бир ууч, бир чеңгел болгон. Кош ууч (кочуч) эки колдун алаканы менен толтура (эки уучтун коштолушу менен) алган нерсе бир кош ууч болгон. Муштумдай дегени колдун беш бармагын жумгандагы муштумдун чоңдугуна теңеген өлчөм болгон. Кучак кулачын орой, эки колдун учу тийишкен тегерек бир кучак болот. Тутам эки колдун карышын тегеректеп кармоо бир тутам болгон. Эли кол манжасынын бирөөнүн жоондугу бир эли, беш манжаны тең катарлаштырганы бир шапат өлчөмүн көрсөткөн. Тырмактай кол манжасынын тырмактарынын чоңдугу тырмактай чоңдуктагы нерсеге өлчөм кылынган. Тырмактын агындай кол тырмактарынын түбүндөгү агы өзүнчө бир чоңдук көлөмдү көрсөтүүчү чен болуп, күрүчтүн, буудайдын чоңдук көлөмүнө жакын нерсени тырмактай деген чен менен атаган.

Кол – жорум. Колдун курамдык бөлүгү болгон «кол башынын» жоруму көп болгон. Кол башы алакан, беш (манжа) кол жана муштум сыяктууларды көрсөтөт. Мында, көбүнчө «алакан көрүүчү» көп болгон. Алакандын оту, алакандын бөлтөгү, алакандын кыры, алакандын толтосу деген бөлүктөр боюнча тааныган, сынчылар. «Манаста» биринчи жорум анын «май, кан уучтап түшүшү», алакандын бөлтөктө жазуунун болушу менен айтылышы, кийинки окуялардын түйүнү болгон. Алаканда үч сызык болуп, алакандын бөлтөгүнүн алдында тартылган сызык «өмүр» сызыгы аталган да, анын узун-кыскалыгына карай адамдын өмүрүнө жорум айткан. Алакандын ортосунан өткөн, учу өмүр сызыгына барып кошулган сызыкты «дөөлөт» сызыгы атаган. Анын узундугу, жоондугу дөөлөткө шериктигин белгилейт деп жоруган. Ошол эле дөөлөт сызыгы өмүр сызыгы менен кошулган жери ачык, туюк кошулуусуна карап, «колу ачык, колу туюк» деп атап, колу ачык болгону март, берешен келет деп жоруган. Ал алакандын четки сызыгы мээр-махабат сызыгы аталып, сызыктын жоон-ичкелиги, тарамдалышы сыяктуулардан адамдын мээрлүүлүгү, махабатка мамилеси жорулган. Алакан кычышса, «акча кармайтка» жоруйт. Баш бармактын аркасына кайкалай кайрылуусу «жумшак бармак» аталып, уста, уздукка жорулган. Ортон колу шадылуу, бардыгынан узун, жоон келсе, дөөлөткө шериктикке жоруган. Ал эми сөөмөй менен аты жок тең болсо, колу жугумсуз болотко жоруган. Сынчылар адамда «Беш кол тең эмес» деген сынды айтып, беш манжанын тең болбой ылайыгында (узун-кыска болуп) турушун кол сындуулугу катары караган. Билекке кыздар секелек кезинен билерик салып, шакек салынбаган.

Манжа. Колдун негизи беш манжа болуп, ар кандай кол аракети беш манжасыз бүтпөйт. Сынчылык беш манжаны: бармак, сөөмөй, ортон, аты жок, чыпалак деп атаган. Ар бир манжанын өзүнчө кызматы болгондон бөлөк, манжалар өз ара шайкештүү аракет жасоо менен ийкемдүү «кармоо, чымчуу, түйүү, уучтоо» жумуштарын аткарган. Мында бармак бардык манжаларды ийгерип, шайкештирип, башкарып тургандыктан «баш бармак» аталган. Ошого, бармак көрсөтүү «эң жакшы», «жарайт» деген маанинин жаңсаган тил болгонго жараган.

Сынчылык ургаачылырдын манжаларга шакек салуу салтын жарашык гана катары карабай, шакек салган ургаачынын жашоосун ал кайсыл манжасына салганынан жоруй алган. Шакекти кыздар тек үйлөнгөн кезде, оболу, энеси ортон колго салып, бакыт каалаган. Ортон колго шакек салуу, биринчиден, башы бош эмес (кайындаган жери бар), энчилегени, күйөөсү бар деген белги болсо, экинчиден, жашоосу бакыбат, бактылуу экенин туюнткан белги болгон. Ал эми сөөмөйгө шакек салганы байкер турмуштун үстүндө, күйөөсү менен жашап жатканынын белгиси катары каралган. Ал баш бармакка шакек салынуу дүйнөсү ашып-ташып, агарып-көгөрүп, жубайы менен тең жашап турган ургаачынын белгиси катары жорулган. Ал эми аты жокко шакек салуу жесир, күйөөсү жок экенин белгиси болгон. Ал эми чыпалакка шакек салынганы ургаачынын турмушта абдан жабыр тарткан, кыйналып жашап жаткандын белгиси болгон. Ушул шакек салынуу ургаачылардын жашоонун айттырбай баяндаган белгиси гана болбой, кыргыздын шакек салынуу түшүнүгүн камтып, салттык каада болуп, улутка жалпылашкан.

Ырымы. «Беш колду оозго салса береке кетет» деген ырымы болуп, балдардын беш колун оозуна салуусун тыйган. Ал эми ымыркай баланын колун, муштумун оозуна салып соруп жатуусун жакшылыкка, баланын келечеги ырыскылуу болотко жоруп жөн койгон. Манжаларды балдарга маш кылуу максатында, кол басып (манжа жуумп): баш бармак, бадал иймек (сөөмөй), ортон оймок, оюу чиймек (аты жок), кичинекей бөпөлөй (чыпалак) деп, балага манжа ойноткон.

4) Көөдөн. Бой курамынын бирөө көөдөн кандырга сөөгү болгон. Көөдөндүн алды тарабы көкүрөк, арка тарабы жон аталган. Көбүнчө, көөдөн менен көкүрөк маанилеш катары айтыла берген. Адамдын бой сыны көөдөндүн, жондун түз, кең болушу менен сынга толгон. Көөдөнү кең, жайык төш, кең көкүрөк деген сын менен айтылган. Жонду такта жон, дүк, дүмбөкү деген сөздөр менен сын айткан.

Көөдөн – акыл. Сынчылык көөдөндүн сырткы сынын ички сыны менен туташ караган. Эс, акыл, дил сыяктуу ички дүйнө көөдөндө (көкүрөктө) сакталат деп карап, көөдөндү адам сынчылыгынын көз салар чени кылган.

Эстүүлүктүн кампасы көкүрүктө экенин: «Көздүн сокуру көрөт, көкүрөктүн сокуру көрбөйт», «Көөдөнү жукадан, чөнтөгү жука артык», «Аш акылы жокту алып урат, көөдөнү жокту көтөрүп урат» деген сын корутундуларды чыгарып, макалга өткөргөн. Көкүрөккө түйүү, көкүрөктө сактоо, көкүрөктө калуу деген сөз айкаштары көкүрөктүн «акыл кампасы» экенин, ар кандай руханий нерсе көкүрөктө болорун көрсөткөнү болгон. Көкүрөгү ачык, көкүрөгү таза деген сөз айкаштары адамдын ички дүйнөсүн, билиминин кандайлыгын көрсөткөнү болгон. «Көөдөнү жок» дегени акылы, эси жок деген маанини берген.

Көөдөн – кайрат. Сынчылык адамдын кайраты, дити, баатырлыгы көкүрөктө (көөдөндө) болот деген ченди тутунган. Себеби, көөдөн жүрөктүн кабы болгондуктан, «жүрөктүүнү» көөдөндү керип чыгат, ар кандай коркунучка көкүрөгүн тосот болуп айтылган, «көкүрөгүн» муштаган (урган), каккан жаңсоосу кайратын билдиргени болгон.

Көөдөн – мүнөз. Сынчылык адамдын көтөрүлмө, көпмө мүнөзүн «көкүрөгүн көтөрмө», «көкүрөгү дымактуу», «көкүрөгү желдүү» – деп мүнөздөгөн. Акылга салбай, сезим менен албуут иш жасагандарды «ала көөдөн, ала көөдөн дардаң» атап, «Ала көөдөн курсагы тойсо көбөт» деген сынды макалдаткан.

Көөдөн – жорум. Көөдөндү (көкүрөктү) адамын эң ыйык жери, талуу жери катары карайт. Баланы жонго муштабайт. Көөдөндөн аттабайт, баспайт. Бой тумарды көөдөнгө, жүрөктүн башына удулдап тагынат. Төштүн башында калы болсо, ырыска шерик, жакшылыктуу кал атайт.

5) Бел. Адамдын карчыга сөөгү. Бел алты омурткадан куралат. Бел бойдун тутуму болуп, көөдөн менен көчүктү туташтырып турат. «Бешиктен бели чыга элек» дегени, бою али көрүнө элек деген мааниде, бойдон мурда белди эсепке алган. Сынчылык адамдын белине багып, боюн, күчүн сынга толтурган. Манасты: «Кең көкүрөк, жайык төш, \ Аркасы кең, бели түз, \Айбаты катуу, заар жүз \ Пил мүчөсү көрүнөт!» деген сын менен анын белин «пил мүчөлүү» атаган. Кыргыз балбан күрөш күч сынашууну белден кармап күрөшүүнү негиз кылган. Белди капкан бел, туюк бел, түз бел, бели жоон, айча бел, бураң бел, кумурска бел деген атоолор менен атаган.

Бел – сымбат. Бойдун сыны белдин кандайлыгы менен көрүнгөн. Болуп да ургаачы затынын бел түзүлүшү анын сымбатын көрсөткөн. Энелер кыздарына «чыптама» кийгизип, чендүү тамак берип (бармактын чукуруна ченеп) кыздардын «кымча бел, бураң бел, кумурска бел» сынын атайын жетилдирген. Аялдар белине белдемчи байланып, белдин сымбатын коё бербей, «бууп» чендеген. «Манаста» бел сынын: «Ботодой бели ийилип,\Чийдей кашы чийилип, \Кызыл жүзү нурданган, \Кыпча бели буралган» (СО) – деп сүрөттөгөн.

Бел – күч. Адамдын күч-кайраты белинде болот деген түшүнүк калыптанган. Сынчылар адамдын белинен күч кайратын көргөн: «бел болуу», «бел тутуу», «бел кылуу», «белге таңуу кылуу» дегендер өзүнө күч кылуу, медер кылуу деген мааниде, «бел бууш», «бел байлоо», «белсинүү» дегендер өзүнө күч киргизүү мааниде; «бел бүкпөө», «бел алдырбоо», «бел майыштырбоо», «белден бастырбоо» деген сөз айкаштары «күчтөн тайыбоо, күчтөн жеңилбөө» деген мааниде; «бели сынуу», «бели майышуу» дегендер күчүнөн, жөлөгүнөн айрылууну туюнткан сын сөздөр болгон. «Белден күч кеткенде, колдон иш кетет», ал «Манас кетсе, бел кетет бул кыргыздын ичинде» (СК) дегендей, бел күч дегендин атоочу катары колдонулган.

Бел – мүнөз. Сынчылык белинен анын кайрат, мүнөзүн белгилеген. «Бели катуу, бели бош» деген сөз айкаштарындагы «бел» кайраттын «бош, катуулугун», турмуштун катаалдыгына «Бел бекчейсе, көз чекчейет» болуп, «белди майыштырып» туруп турмушка бет орой барып жашоосу менен чендеген, аны кайраттуу, белдүү мүнөз катары сынга толтурган. Турмуштун оорчулугун көтөрө албаган, тиричиликке бошоңдук кылганды «Бели боштун кеби бош, иш кылбастын колу бош» деген сын айтып, бошоң мүнөзгө ыйгарган. Адамдардын белин ийип салам бериши, кулдукка, кудалыкка ийилип (бел ийип) турушу, жаштардын ийилип жүгүнүшү, ал тургай, өлүм сыйнатында, ургаачылар бөйрөккө (белге) колун матырып кошок кошуу таризи (аны «кол салык көчөтүнө» түшүрүү), эрлер аса таякка бел ийип, өбөктөп (бел таштап) өкүрүп турушу адам кадырын улуу билүү, адамга таазим этүү алпейимдик мүнөз белдин турумунан көрүнгөн.

Бел – жорум. Туюк белдүү, бирок семиз эмес, же ач белдүү эместер ооматтуу, табышкер болуп, колунда бардар жашайт дегенге жоруйт. Төрөп түшө элек келинди «бөйрөгү туюк» (белдүү) күчтүү дегенге жоруган.

  • Көчүк. Бой курамын түзүүчү, жамбаш, чычаң сөөктөрүнөн куралган, адам олтуруучу бөлүгү. «Сегиз көчүк», «бел көчүк» болуп айтылат. «Көтөн» деп да айтылат. Сынчылыкта көчүктүн сымбатын куйруктан көргөн. Куйруктун кандайлыгына жараша, тегерек көчүк, шиш көчүк, куурай көчүк, чөп көчүк, боз көтөн, куу көтөн, май көтөн деген сындар менен атаган.

Көчүк – чыдам. Сынчылык адамдын чыдамын көчүктөн чендеген. Мейли кол эмгеги, акыл эмгеги болсун «көчүк басып олтурууну» чыдам катары көргөн. Олтурууга чыдамы жокту «май көчүк» атаган. Турмушка жакшы кирише албаганды «чөп көчүк» атаган. Баланы жашынан «катыктырганда» ээрге олтурууну биринчи катыктыруу чени кылган. Ат-унаага мыкты мине (олтура) албаганды «шиш көчүк» атаган. Жумушта көкшүн эместерди «боз көтөн» атаган.

Көчүк – тартип. Сынчылык көчүктү кандай сыякта алып жүрүүнүн тартибине көз салган. Кичүүлөр, жаш ургаачылар улуу кишилерге көчүк салып баспайт. Үйдөн чыгарда көчүк жагы менен кетенчиктеп чыгат. Көчүктү тартиптүү алып жүрүүдө олтуруу тартибине байкоо салынган. Кишинин көзүнчө олтурууда, улуунун алдына бут сунуп олтурбайт. Төрдөгүлөр мандаш курунуп олтурат. Жаш эркектер эр жакта, чөк түшүп олтурат. Кыз-келин эпчи жакта сыңар тизелеп олтурат. Күйөө баланы, кызды такыр жерге, көрпөчөсү (көлдөлөңү) жок жерге олтургузбайт. Жашы улуу кишини улагада олтургузбайт. Үйгө кирген киши көчүк коюп сүйлөйт.

Көчүк – жорум. Жаш келиндин барган жерине олтуруп калуусун ырымдап, аны көчүрүп барганда, «этек бастыруу» ырымы иштелип, келиндин этегин балта-чот, ылакшегер жана башка тогуз темир-терсектер менен бастырып, колуна ийик берип, ордунан тургузбайт. Жаш келинди «көчүгүнөн көгөрсүн!» деп алкайт. Жумушка орундашкандарды «олтурган жер омоктуу болсун!» деп алкайт.

  • Бут. Бой сынчылыгында, буттун сымбаты өзгөчө көзгө тартылат. Бут курамын жоон сан, тизе, шыйрак, кызыл ашык, бут кетмени, таман (жез таман, май таман, кара таман, жел таман), бут манжалары түзөт. Бойдун узун-кыскалыгын буттун кандайлыгы белгилейт. Жоон сан, шыйрактын түз, кадыресе булчуңдуу болуусу бойду сындуу көрсөтөт. Баланы бешикке бөлөгөндө тайтак болуп калбастыгынын камын көргөн. Сынчылар: жоон бут, чий бут, тарбак, тайтак бут атаган. Шыйрактын булчуңун «балтыр эт» атаган. Балтыр эттин жетилиши дененин жетилишинин чени болгон. Алсак, «Манаста»: «Балтыр этиң толо элек, \ Балбан чагың боло элек» – деп айтылат.

Бут – тирек. Сынчылык «адамды дүйнө тирөөчү» дегени, бут менен жер тиреп турганын элеске карата айткан. «Бутунан турду» (турмушка тирөөч болду), «бут коёр жер» (мейкиндиги бар) деген сөз айкаштарында, бут тек басуу гана милдети «Бут – басар, кол – табар» гана болуп калбай, кадыресе, бут жашоого тирек, турмушту жылдыруучу маанисин туюнта алган.

Басык – сымбат. Сынчылык адамдын бут басыгынан адамдык сынын, бой сымбатын көргөн. Кадыресе, басканда боюн кандай алып жүрүү сыягынан ал адамдын сулуулугун, ыйбалуулугун көрө билген. Басуунун көркөмдүгүн ача билген. Сөз куру болбосун, Атай Огомбаевдин «Ой, булбул!» ырында адамдын (булбулдун) отурум-турумуна, басык сымбатына ашык болуп: «Кериле басып түрлөнүп… Бурала басып түрлөнүп…» – деп, эчкиринип-боздогону, ал жеке бир адамга (Булбулуна гана) ашыктыктан чыккан ыр, үн (обон) эмес, кадыресе адамдын басуу сынынын сулуулугун, көркөм көрүнүшүн даңазалаган, адамдын басык сымбат көркөмдүгүнө суктанып, адамдык сапатты, жүрүм маданиятын басып-туруусунан да көтөрүүгө болот дегенге үндөгөн доош эле. Кыргыз сынчылык маданияты, бала тарбиялоосу басык-туругуна эсепсиз көңүл бурган. Басууда калжыңдап, чалжыңдап, тайтаңдап, талтаңдап, оолжуй басуу жоруктарын тыйган. Адамдардын сымбаттуу басуусун сын аркылуу калыпташтыра алган. Чалкалап басуу, чоюлуп, керилип, эңкейип басуу, түз басуусунан ал адамдын мүнөзүн көрө билген. Чалкалап, чоюлуп, керилип жай басканды «чиренген» мүнөз; башын жерге салып, эңкейе басканды «дүмрөйгөн» ичимен тап мүнөз; боюн түз алып, боюн бош таштап басканды жайдары мүнөз катары сыпаттаган. Ал басык темпине карай: Арымдуу, арыштуу, басыктуу, шуулдаган, тепеңдеген, бүжүрөгөн, жүүртмөчтөгөн деген басык сынын айтып, басып келе жаткан адамдын басык темпине карай анын бой сымбатын, эмне жумуш бүтүрөрүн, кандай ойдо жүргөнүн, мисалы, шаша басып, желе жүгүрүп келе жаткан адамдын ашыгыш жумушу бар экенин баамдап турган. Колду аркасына алып, жай басканды сейил басыгы менен бакыбат жүрүш катары түшүнгөн. Бүжүрөп басып жүргөндү жабыркаган, жалчыбай жүргөн адам катары караган. Бутун сүйрөп (таманын жерге сүртө) басканды «бош басар» атап, бош басардын колунан жалчытымдуу иш келбейт деген сынды айткан. Адамдын чыйрак, боштугун басык сыягынан сынга толтурган.

Бут – жорум. Бут дененин эң төмөнкү бөлүгү болгону менен, буттун жер тепсегени, жер тирегени катары, «асман менен жердин тирөөчү – адам, анын буту» ыйык бааланган. «Бут менен босогодон кут кирет» деп жоруган. Согончоктуу, үзөңгүлүгү терең бут ырыскылуу, буттун манжалары шадылуу, баш бармагы менен сөөмөйү тең болсо, дөөлөткө шерик деп жоруган. Буттун сөөмөйү баш бармагынан узун болсо, аялы өктөм дегенге жоруган. Адамдын ишмердүүлүгү, жүрүшүн тамандын сыягынан сынга толтурган. Таман үзөңгүлүгү (бут баш бармагы менен согончогунун арасы) терең, буту шыңга, шоодурап (эттүү эмес) турган таманды «жез таман», «жел таман» атап, басаак, басса талыкпас, жүрүмү шамдагай, адам кыраакы болотко жоруган. Ал эми таманы түз, эттүү болсо, «майпар», «май таман» атаган, мындай тамандуулар жалкоо, жол жүрүмү, басыгы жок, кыраакы келишпейт дегенге жоруган. Колунда жок, дайыма жөө жалаң жүргөндү «кара таман» атаган. Сынчылар кара таманды: «Ачтын күчү – тамагында, жөөнүн күчү – таманында» деп тыянактаган. Төрөбөс аялды «куу согончок» атаган. Үзөңгүлүгүндө калы болсо, жакшылыктуу кал дегенге жоруйт. Таманы кычышса, сапарга аттанат деп жоруган. Бут кийимди (көлөштү) көмкөрөсүнөн таштабайт. Өлгөн адамдын бут кийими көмкөрө коюлат.

Бут – өлчөм. Бутту арымы, таманы өлчөм болуп, арым эки бутту кериле таштап басуу аралыгы бир арым болгон. Таман буттун таманынын узундугу бир таман өлчөм болгон.

Адам сынчылыгы майнап: Адамдын эң жакшысы – Айкөлдүк; Адамдын эң жаманы – көзү чалыр, сөзү чалгырт. Сынчылык: «Чалыры турса көзүндө, чалгырты болот сөзүндө» деген макал чыгарып корутундулаган.

Пайдаланган адабияттар:

  1. С. Орозбаков «Манас» (электрондук нускасы). 2. С. Каралаев «Манас» (электрондук нускасы)
  2. Ж. Мамай «Манас» (электрондук нускасы).
  3. Платон (Plato, санактан мурда 427~347) «Респубилика» (электрондук нускасы)
  4. William Shakespere (1564–1616) чыгармалары(электрондук нускасы).
  1. Arthur Schopenhuer (1788–1860) чыгармалары (электрондук нускасы).
  1. Abraham Lincoln (1809–1865) чыгармалары (электрондук нускасы).
  2. William Somerset Mauham (1874–1965) чыгармалары (электирондук нускасы).
  3. Сың Гуофан (1811–1872) «Муздаткыч» (冰鉴) сынчылык китеби.
  4. Жаң Жиажиа (1980– ) «Сенин жер бетин кезген жолуң» аңгемеси, Хунан көркөм өнөр басмасы (электрондук нускасы).
  5. Жоу Гуопиң (1945– ) чыгармалары (электрондук нускасы).
  6. М. Ибрагим жыйнаган, К. Коңкобаев өңдөгөн «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөрү», Бишкек – 2008
  7. Академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында, «КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ

СӨЗДҮГҮ», «ПОЛИГРАФБУМРЕСУРСЫ». БИШКЕК -2019

Шарттуу кыскартуулар:

СО: Сагымбай Орозбаков

СК: Саякбай каралаев

ЖМ: Жүсүп Мамай

 

Экинчи бап

АТ СЫНЧЫЛЫК МАДАНИЯТЫ

Кыргыз сынчылык маданиятынын жеткен белесинин бирөө ат сынчылыгы болуп, ал адам сынчылыгы, канаттуулар (кыраандар) сынчылыгы менен кошо кыргыз сынчылык маданиятын түзгөн. Ат сынчылыгы жылкы өстүрүү чарбасын, өндүрүшүн өнүктүрүү, жылкынын сапатын көтөрүү, жылкыны жашоо маданиятына өздөштүрүү, анын жөндөмүн, өзгөчөлүгүн тиричиликке пайдалануу жүрүшүндө калыпташкан. Бул маданият жылкыны адамзат жашоо муратына жетүүгө ылайыкташтыруу, эң жогорку жөндөмдүү жылкы баласын тандоо, жылкы тукумун асылдаштыруу, жылкы сапатын көтөрүү маданияты болгон. Бул маданиятта кыргыздардын дүйнө карашы, табият карашы, адам менен табияттын байланыш түшүнүгү айкын чагылдырылган. Ат сынчылык маданияты, кыргыздын ат-унаа урунуу, ат минүү маданиятын таасын көргөзгөн. Кыргыздын ат минүүсү чоң каада, күчтүү адамгерчиликтерин камтыган. Ат минүү маданиятынан кыргыздын коомдук катмары таасын көрүнгөн: Бийлик баш кишилери (ажоо, хандары) тулпар, дулдул минген; ал баатырлар аргымак минсе, анын чоролору тобурчак ат минген; кадырман карылар, сыйлуу кыздар жорго минген; бардарлар, мырзалар күлүк минген; ал эми өндүрүшчүлөр чобур, тарпаң аттарды унаа кылган. Кайсы түрдөгү ат минүүсүнөн ал адамдын коомдук орду, мартабасы көрүнүп турган. Ат сынчылык маданиятынан «жасалгалуу ат минүү», ат жабдыктар маданияты чагылган.

Кыргыз тарыхында, ат сынчылык маданиятынын тарыхы абдан узак болуп, жазмада алгач жолу «Угузнаамада» Огуз хандын мингени «Чокуртан качааган» чаар айгырды кыргыз саяпкер кармаган жомок жазылып жеткен. Ал эми кыргыз эл ооз адабиятында аттын эң асылдары жомоктолуп, кандай баатыр жөнүндө сөз болсо, анын жан шериги ат болуп айтылып, ат адамга канат катары баяндалганынан улам, «ат – адамдын канаты» деген элдик тыянак, темирге канат бүтүүдөн мурда макалга айланган. Ат сынчылык маданиятынын өнүккөн доору кыргыз билим китеби «Манаста» толук баяндалып, баатырдын жан шериги, адамга канат болгон, адамдын акылы жетпеген касиеттүү жүздөгөн аттын асыл тукум түрү айтылып, «Манас» ат билим китеби (энциклопедиясы) катары, ат сынчылык маданиятынын толук бети анда ачылган. Толубай сынчы сыяктуу кеменгер сынчылар жана эл ичинде, ар айылда өткөн сынчылардын уламыштары үзүлбөй айтылып жетиши да ат сынчылыгынын тарыхы бар, башаягы уланган маданият экенин түшүндүрөт.

Кыргыз ат сынчылык маданияты өзүнүн жеткен белестери аттын эң асыл тукумун, сырттанын жетиштирип, ат сырттандарына өзүнчө даражада ат коюп, анын сынсыпат элесин эл көзүнө тартып, ат сапатын элге жалпылаштыра алган. Айтмакчы, аттын (жылкы тукумунун) эң сырттанын кыргыздар жетиштирген дегенди айта албасак да, элден калышпай, мисалы, арабдар «бедөө ат», Моңгул-Тибет «Албар тоту ат», Түркмөн «Ахалтеке ат» ж. б. деген сыяктуу аттын башкы асыл тукумун өстүрүп, анын сын-сыпатын адамзатка жайган сыңары, кыргыз сынчылары да, кыргыз атынын эң сырттанын, ат башын (эл башы дегендей) «Жел кайып» атап, аттын башкы даражасын, атагын белгилей алган. Ошондон улам айтууга болот, кыргыз ат сынчылыгы абдан өнүгүп, адамзаттын ушул салаа маданият жетишкендиктеринен кем түшпөй, ага эсе кошуп келген.

Кыргыз ат сынчылык маданияты эки чоң катмар боюнча, атап айтканда, сынчылык жана саяпкерлик деген эки катмар боюнча өнүккөн. Ат сынчылык катмары аттын (жылкы баласынын), тукумун, түрүн, түсүн таануу, ат сапатын баалоо, сынга толтуруу катмарын милдет кылган болот. Ат сынчысы жалпы жаратылыш билимдерин, табият таануу билимдерин, жылкынын табиятын, аттын жөндөмүн өздөштүргөн билимдери менен, аттын сын-сапат, чен-өлчөмүн сынга толтуруучу кеменгер болгон. Ал эми саяпкерлик катмары атты өндүрүшкө, ажатка жараша таптап даярдоочу кеспий жумуш болуп, бул өнөрдү билген адам саяпкер аталган өнөр адамы болгон. Ал кээ бир саяпкерде ат сынчылык жөндөмү да бар болгон. Ат сынчылык маданияты ушул эки катмарды эки тароого болуп жарытат.

Биринчи тароо. Ат сынчылыгы

Кыргызда «ат» сөзү эки түрдүү мааниде, биринчиси, жалпы мааниде курамына жеткен (асый) жылкынын эркеги, экинчиси, арналуу унаалык, өндүрүштүк ажаттан улам, бычылган жылкы ат аталган. Бул жерде айтылып жаткан ат сынчылыгы жалпы маанидеги атты көрсөтөт. Аттын сын жана сыпатын (сапатын) тааныган өнөр ат сынчылыгы деген кесип менен аталган. Ат сынчылык жөндөмдү ийгерген, ат таануучу адам сынчы аталган. Ат сынчылыгы жана сынчысынын ыйык милдети адамга канат болуучу, эр, баатырлардын жанына өлчөп алып жүрүүчү жан шериги, байгеден намыс утуп, кан майдандан жанды куткарып, «Элге ылайык эр туулат, эрге ылайык ат туулат», «Качса кутулуп, кууса жеткен» жылкы тукумунун сапатын, сыпатын, сынын, өлчөмүн таанып, ошолор аркылуу жылкы сапатын көтөрүү болгон. Ушул оор милдетти көтөргөн ат сынчылыгы жана сынчысынын жоопкерчилигин кыргыз акылмандуулугу «Толубай сынчынын» көзүн олуу уламышынан айкын көрсөткөн. Уламышта, адамга канат болуучу тулпар тандоо ажаты бийликтин өкүмүнөн көрсөтүлсө, ал сынчы тулпар тандоо жоопкерчилигин «көзүнөн айрылуудан» көрсөтүп, жалпы элге: «Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол» деген сынчылык өлчөмгө чакырган чакырык макал болуп калган. Ал тургай, бул байыркы уламыштагы сынчылык жоопкерчиликти кийинкилер жаңыртып, кыргыздын таанылуу чыгармачылдары А. Осмонов, К. Жусубалиевдер «Толубайга» кайрадан кайрылып келгени, Толубайдын көзүнөн айрылганына жүрөк сыздатканы гана эмес, кадыресе, кыргыз ат сынчылык маданиятынын абдан олуттуулугу, сынчынын табияттын бир мүчөсүнүн сапатын өстүрүүгө болгон жоопкерчилиги абдан оор экенин, сынчынын өз сын билимдерине болгон ишеними абдан күчтүү экенин кайра жаңыртып белгилегени катары көрүнгөн. Ат сынчылыгы аттын тукуму, түрү, бою, түсү, жумушу, мүнөзү сыяктуу жактардан сынга толтуруп, жылкы (ат) сапатын сынчылык маданияты менен көтөргөн.

1-§. Тукуму

Ат сынчылык аттын сапатын, асыл тукумун жетиштирүүдө, анын тукумун тандоодон баштаган. Жылкы тукуму ата-энесин тартат, болуп да ата тукуму басым орунда болот, атап айтканда, «Айгыры ала болсо, кулуну кула болот» деген түшүнүк менен, жылкынын аталыгын сынга толтуруп, ага жараша энелигин айкаштырган. Тукум калтыруу жылкынын жаш курамына багынды болгон. Жылкынын аталыгын «айгыр» атап, энелигин «бээ, байтал» атаган. Жылкынын жаш курамына жетүүсүн сынчылар: жабагы, кулун, тай, кунан, бышты, асый (андан соң бир асыйдан баштап…) деген аталыштар менен санап, асый жашына жеткен жылкы аталык (айгыр), энелик (байтал) болуп тукум калтыруу бараалына жетет деп эсептеген. Жылкы насылдандырууну сынчылар «айгыр агытуу» деген сөз менен туюнткан. Сынчылык маданияты айгыр менен бээнин насылдашуусун өтө сылык атап, айгыр насылдандырганды «бээ үйүрлөдү, бээ карады», бээ насылданганды «айгырдан токтоду» деген.

Ат сынчылыктагы жылкы тукумун өстүрүүдө, аргымак, тулпар болуучу аттардын аталыгы кайыптан болот деген аңыз айтылып келген. Кайсы бир касиеттүү байтал (бээ) кайып айгырдан токтойт деген түшүнүк болгон. Бул түшүнүктүн башаты кыргыз аңызынан (мифтен) чыгып, «жылкы шамалдан бүткөн» деген аңызды таканчык кылган. Ал «шамалдан бүттү» дегени жылкы жаратылышында табияттын ысык-суугуна байымдуулугу, шамалдай ылдам жүрүшүүсүнөн улам кыялданылып, жылкынын бабасы «Жел кайып» деген аңыз себепчи болгон. Дагы келип, кыргыз аңыздык түшүнүгү боюнча, бардык заттардын колдоочу, калкалоочу ээси болот дегенден улам, жылкынын ээси (пири) Камбар ата деген айтым жалпылашкан. Ал эми, аттын асыл тукумдарын тууган бээ кайып айгырдан токтогон деген уламыштагы «кайып айгыр», балким, колдоочу Камбар Атанын буйругу боюнча, жаратылыштагы жылкы тектүү, кулан, дагы башка касиеттүү жапайы айбандардан бээнин токтошун четке какпаган түшүнүктү такоол кылганы көрүнөт. Бул түшүнүк «Манаста»: «Кулан кууп токтоткон,\ Кайыптан келген Куу байтал.\…\Чарайнасы ката элек,\ Тууганда жерге жатпаптыр.\ Энесинин үстүнөн, \ Карап турса Карача,\Так миң катар аттаптыр» (СК) – деген баян катылуу келген. Ал желкайып, тулпар, буудан сыяктуу аңыздагы аттын сырттандарынын «кайыптан бүтүшү» кыргыздын «Билим китебинде» («Манаста») өтө кенен баяндалып, Манастын Аккула, жоонун баатыры Коңурбайдын Кылкара аргымактары «Кула бээнин» кайыптан токтогон кулундары, бир тектүү аттар экени сүрөттөлөт. Ушундан улам, асыл тукум аттардын тукуму жаратылыштын өзүнөн, жылкынын тээ адамзат колго көндүрө элек жапайысынан келет деген ишеним али өчпөгөнүн көрсөтүп турат.

  1. Айгыр. Жылкы асыл тукумун жетиштирүүдө, оболу, аталыкты (айгырды) сынга толтуруу, тандоо биринчи жумуш катары иштелет. Айгыр тандоо сын чени: айгырдын дене соолугу, бой сыны, эстүүлүгү, күч-кубаты, түсү, үнү, жөндөмү жактарын сынга толтурган. «Айгырды кандай салсаң, ошондой минерсиң» деген сынчынын нуска сөзү макал болуп калган.

Соолугу. Айгыр ар кандай илдеттен соо, ал тургай, анын ата тукуму да жылкыда боло турган оорудан соо болуусу эске алынат. Айгырдын ата тегинин жерденүүсү, ошол жергеге ылайыкташуусу, кийинки тукумунун төлгө кирүү, жетилүүсүнө таасири болорун унутпайт.

Бою. Сынчы: «Ат болуучу кулундун мүчөсүнөн белгилүү, киши болуучу баланын кирпигинен белгилүү», «Айгыр болор кулундун – жаак эти чоң болот, кочкор болор козунун маңдай жагы дөң болот» – деп, айгыр тандоодо анын бой сынын биринчи көзгө салган. Айгыр толук жетилген, чобур эмес, бою чалыш, каз моюн, камыш кулак, жазы маңдай, чолпон көз (көзү кызыл), топчу мурун, астынкы эрини шалбык келип, «Ат – эриндүү келет, эр – мурундуу келет» болгону, каз таман (туяк мүйүзү жука), сом туяк (ичи чөйчөктөй), кең көкүрөк, түлкү куйрук (туу куйругун кайрып соорудагы жамбаштын оркогу менен теңегенде, ошого жетет), кылыч бел (белдин кайкылыгы кылычтын сыртындай кайкычагыраак болгону, ал эми өтө кайкы бел, же өтө түз эмес), түйдөк жал (жалы суйдаң, көп эмес), ичке шыйрак, баймереги ичке жана кыска, чачысы суйдаң (түктүү эмес), соорусу кең, чаты алчак болгону бой сынга толгон. Айгырдын бой сынын сынчы: «Кылыч бел, түйдөк жал, колго келбейт мындай мал» деп сыпаттайт.

Эстүүлүгү. Сынчылар айбандын ичинен жылкыны эстүү мал деп карайт. Эл оозеки адабияттарында баатырдын, эрдин жан жолдошу болгон аттын эстүүлүгүн бөтөнчө сүрөттөйт. Анда адам сыяктуу туюу, өз-жоону айруу, ээсине; жакын колдоочу болуу жактары, ал тургай, Чалкуйрук, Аккула сыяктуу аттар, ээсине акыл-кеңеш бере турган, жараланган, коопто калган ээсин куткаруу, аны зыяндуулардан коруу жөндөмү бар аттар катары сүрөттөйт. Ал демейки жылкынын үйүр башкаруусунда жүрүүсү, айгырдын үйүрүнө ээ болуусу, ал тургай, түнкүсүн жайытта оттоокко айгыр айдап башкарып жүрүү менен, кээ бир айгыр эрте менен үйүрүн айылга, сууга айдап түшүү акылдары, карышкырдан, чоочун айгырдан үйрүн коргоосу, көкбөрү тартуу сыяктуу шаш кездерде да, аттардын бутунда жыгылган адамды тепсебегени, ат качан болбосун, өз жерин, үйүрүн таштабас эстүүлүгүн сынчылар баамдап: «Үйүрүн сагынбас (тааныбаган) ат болбойт, жерин сагынбас (тааныбаган) эр болбойт», «Ат айланып казыгын табат» деген макалга корутундулаган. Атты кандай жумушка үйрөтсө, мисалы, чийне, арабага чексе ошол жумушка маш болуп, адамдын «айдоо» тилине дилгир көнүп кетиши жылкынын, аттын эстүү мал экенин ырастайт. Ал эми айгыр тандаганда эстүүнүн эстүүсүн тандаганга сынчылык көз чабыт керек болот.

Күч-кубаты. Сынчылык жылкы сапатын өстүрүүнү анын аталыгы (айгыры) күчтүү болуу, анын күчү демейки унаалыкта (минип жүргөндө), байгеде, эр оодарыш, көкбөрү тартуу сыяктуу басекелерде алдынкы орунда болгон аттарды күчтүү катары баалайт. Айгыр тандаганда, үйүр башкарып, үйүрүндөгү байтал-бээлерди токтото алуу, «үйүрүнө ээ болуу» (чоочун айгырга тарттырбоо) сыяктуулары айгырдын күч-кубатын белгилейт. Айгырды үйүргө салгандан кийин, аны (жайлата) минбейт, «Айгыр минсе, кулун жок, бээ минсе, кымыз жок» деген эл акылы айгырдын күч-кубатын коротпоого айтылган нускоо сөз болгон.

Үнү. Сынчыга айгырдын үнүнөн, анын күчү, асыл тукумдугу белгилүү болгон. Ошого, «Айгыр койсоң, үндүү кой, кочкор койсоң, жүндүү кой» деген сын сөз макалга өткөн. Айгырдын үнүн «азынады», «окуранды», «кишинеди» деген сөздөр менен атаган. Мында айгырдын азынаган доошу күчтүү, жаңырыктуу болуусун, «Азынаганды билбеген айгыр болбойт, мөөрөгөндү билбеген бука болбойт» дейт, сынчы. Айгырдын үнү бир тоонун ар жагына, колоттун чатынан төрүнө, өз үйүрүнө даана угула алган. Дагы келип, «Азынаган айгырдын үйүрүн көр, менменсинген жигиттин үйүн көр» деген нускоо берип, сынчы айгырдын кубаттуулугун да анын азынаган доошунан көрсөткөн.

Жөндөмү. Сынчылык аттын, айгырдын жөндөмү деген түшүнүктү, аттын өнөрүнө, жөндөмүнө карай айткан. Атап айтканда, күлүктүк, жорголук, жүрүштүүлүк, көтөрүмдүүлүк (жоон-жолпу) сыяктуу ар бир айгырдын жөндөмү болгон. Айгыр салаарда (тандоодо), жылкычы өз жашоосундагы ажатына ылайык кандай жөндөмдүү ат керек болсо, ошол жөндөмдүү атты диттеп айгыр салган. Алсак, жорго керек болсо, жорго айгыр, күлүк керек болсо күлүк айгыр, ал эми өндүрүшкө жоон-жолпу ат керек болсо, тарпаң, чобур айгыр салып, максаттуу төл алууну көздөгөн.

Ат сынчылыгында жаман айгыр боюнча сындаган мындай сөздөрү элге макал болуп кеткен: «Айгыр көпсө, үйүрүн кажыйт, хан көпсө, элин кажыйт», «Айгыр учунса, ат болот, ат учунса, эт болот», «Айгырдын жаманы, ат качырат», «Айгыры көп үйүрдүн кажышканы көп болот, кулуну аз болот», «Жабуу, жабуу дебеңер, жайсыздан айгыр салбаңар».

  1. Бээ. Жылкынын тукумун асылдандырууда, сынчылык бээни сынга толтуруу, кандай жөндөмдөгү жылкы төлү керек болсо, ошого жараша, «Эр энеден туулат, тулпар бээден туулат» деген бээ тандоо сынчылык түшүнүгүн карманган. «Бээ» дегени асый жашына (беш жаш) жеткен ургаачы жылкыга айтылган. Ал андан мурдагы жаштагы ургаачы жылкыны эркегине окшош: жабагы, кулун, тай, кунан, бышты деп атап, бирок тайынан баштап, «байтал» сөзүн кошо айтып: Тай байтал, кунан байтал, бышты байтал деген. Ургаачы жылкы асый жашына жеткенде, «Бээ туугуча – байтал, катын төрөгүчө – келин» болуп, «байтал» сөзү калып, «бээ» аталган. Сынчылык асыл тукум тууй турган бээни дене соолугу, бой олбуру, мүчөлүүлүгү, омуроолуу, курсак чурайынын (эмчектин айланасы) кеңдиги, соорусунун кеңдиги, жүнүнүн жылтырлыгы, окурануу, кишинөөсүнүн жаңырыктуулугуна карап сынга толтурган. Бээни кыргыз акылмандуулугу тандаган (ыйык көргөн) «жети кендин» бирөөнө киргизген. Бээнин «жети кенге» кириши, анын жылына тууп турганын сынчы: «Табарман эрден тубарман бээ өтөт» – деп баалашы, саандуулугу, кадыресе, «саан бээ эл багат» дегенге эл өзү ишенип: «Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт» деген тыянактары бээни кенчтин бирөөнө киргизүүгө негиз болгон. Айтмакчы, демейдегиден бөлөк, кээде, кунан байтал, бышты байтал да айгырдан токтоп, тууйт. «Байтал бээнин кулуну», «байтал бээнин кымызы» деп ардактайт. Дегинкиси, андан туулган кулун чыйрак, бөтөнчө чыгат. Ал байтал бээнин кымызы өтө жагымдуу келет. Бээнин жашын да сынчылык көз жаздымда калтырбай: «Карып калган бээден кайгуулга минер ат туулбас» деп тыянактаган.
  2. Төл. Жылкынын жаңы туулган баласы анын төлү аталат. Сынчылык жылкы төлдөтүүнүн чендерин белгилеген. Убакыт жылкы төлдөтүүнүн чени болгон. Демейки жылкычылык чарбасынын төлүн алууда, өз маалында айгыр салууга дыкат болгон. Айгырды кулжа айынын 15 жарыгында үйүргө агытылат (үйүргө кошот). Айгыр агытканда, оболу, айгырды түлөөдөн чыгарып, суутун кандырып, өтө семиз эмес табына келтирилет. Айгыр агытуунун чагын аземи болуп, айгырдын көкүлүнө ак кебез байлап, Камбар атанын жолуна алкоо айтып, үйүргө салат. Айгыр агытканда, байтал бээлер ак эттүү болсо, айгырдан токтошу ылайыктуу болот деп каралат. Айгыр кулжа айынын жаңысынан баштап бээ көздөйт. «Ат кара тил болуп» эттене баштайт. Бээ демейде 10 ай курсак көтөрөт. Бир үйүрдөгү бээлер кулжа айынын башкы ченинен тартып баш оонанын соңуна чейинки аралыкта алды-кийин айгырдан токтоп болушу керек. Эгер аяк оонага калса, «ат тезеги кыроолоп» (тоңуп) калган кезде бээ токтобойт деп белгилеген, сынчылар.

Бээ жыл ажыратып төлдөйт, айгырдан токтогону алды-кийин болгондуктан, төлдөшү да саамыкталат. Эрте токтогону чын куран айынын башында тууйт. Ошого кыргыз саресепчилигинде: «Чын куранда чыңыртып бээ байлайт» деген мезгил аныктамасы айтылган. Бээ төлүн төлгө киргизүүнүн өзүнчө жумуштары болот. Жылкычы бээнин желин салышы, желини жетиши мерчемдерине абдан сак болот. Көкшүн жылкычы, колдогу бээсинин желинине карап, анын канча күндөн кийин, кайсы маалда (түн-күн) туушун болжой алат. «Желини жеткен» бээни баймактап, колго алат, болбосо «бээ чидерип» алыска, кайсы бир ыңгайсыз жерге тууса, кулунга зыян болот. Жылкычы желини жеткен бээнин жанында күнү-түн болуп, көз алдында туудуруп алууга аракет кылат. Бээ түз жерде тууганы кулундун телчигенде аңга, жарга түшүүсүнөн сактайт, кадыресе, кулун туулганда туягы кемирчек абалда болуп, туулуп эт бышым убакытта катат. Ошого чейин түз жерди басып турса, туягы түз катат, болбосо маймак туяк болуп катат. Кулун туулуп, чарайнасы кургаганда, дароо биринчи сары май менен оозантат. Ал анын ичегисин жумшартып, туңгак айдайт, кулун оозантуудан мурда энесинин ууз сүтүн түз ээмп калса, туңгагы катып, чыча албай өлөт. Кулун жылма (жүнү жок) болгондуктан, туулгандан кийин бир ай чамасы, кулунга жабуу жаап, курсагын чыптап күтүнтөт. Болбосо, суук уруп төлгө кирбей калат. Жылкы төлү туулганда жабагы, андан бир жаш кезинде кулун аталат. Эки жаштуусу тай, үч жаштуусу кунан, төрт жаштуусу бышты аталат. Быштыдан өткөн соң, эркеги асый ат, ургаачысы асый бээ болуп, андан ары мынча асый санагы менен жашалгасы эсептелет. Сынчылар жакшы ат «алтымыш асый жашайт» деген жорумду айткан. Демейдеги жылкынын узак жашаганы кырк асыйга жетет имиш.

  1. Үйүр. Жыл ажырашы менен, жылкы үйүргө бөлүнүп багылат. Үйүргө бөлүү байтал-бээни топтоп, бир айгырга кошуу (каратуу) деген ыңгайды көрсөтөт. Демейде, бир үйүр жетиден тогузга чейинки байтал-бээ тобунан куралышы чендүү үйүр эсептелген. Эгер бир үйүр бул сандан ашып кетсе, бээнин бир канчасы токтобой кысыр калуу, ал сандан кем болсо, айгыр ашынып, токтогон бээни кайра бузуу абалы көрүлөт деген ченди карманган. Үйүрдө байтал-бээден бөлөк, ошол бээлердин ургаачы тайлары кошулат, кээде эркек тай кошулуп калса, айгыр кошпой качырат, баёо айгыр тай качырбайт. Айгыр ошол үйүрдүн ээси болуп, ал үйүрдү насылдандыруу (токтотуу) милдетинен бөлөк, өз үйүрүн оттоокко айдоо, башка айгырга ээлетпөө, карышкырдан коргоо сыяктуу милдеттерди табийгы өтөгөн. Ал үйүрүн гана башкарып, бирок үйүрүнө ээ боло албаган айгырды сынчы: «Жаман айгыр үйүрүнө тап», «Айгыр баатыр үйүрүндө, ар ким баатыр үйүндө» деген сынын айткан. Сынчылыкта үйүргө айгыр тандоо, үйүргө айгыр салуу зарыл жумуш катары көз сынына коюлган. Жылкы тукумун жакшылоодо, бир үйүргө бир айгырды үч жылдан артык салбайт, себеби, ал айгырдын өз тукумунан болгон (перзент) ургаачы байталдар өсүп чыга келгендиктен, андан оолактатып турган. Айтмакчы, бир үйүрдөгү байтал бээ бүт эле кандай айгыр болсо, ошондой тукум туулат деген үмүт коюлбайт, кадыресе, ал энеликке (бээге) да байланыштуу жагы болорун сынчы эске алат.

2-§. Түрү

Ат сынчылык маданиятынын жетишкендиги, жылкынын (аттын) сапаттык түрүн ылгап чыгуу, эң асылын таанып, ага ат коюп, асылдардын ар бир түрүнүн сын ченин көрсөтүп бере алганынан көрүнгөн. Адамга канат болгон, сынчылар айткан: «Ат – адамдын канаты, аш – адамдын кубаты», «Эр канаты – күлүк ат, журт тиреги – эр жигит» деген «канатты», «күлүктү», «тулпарды» таануу, аларды бири биринен айырмалоо, тандоо, ал тургай, ат чымкорун (чабалын) ылгоону аттын асыл түрүн таануу, аттын сапатын түргө бөлүү деп аталган. Сапаттык түргө бөлүү, жылкынын «канатуусунан» тартып, чобуруна чейин айрып чыгуу сынчылыктан зор жөндөм, жаратылыштык билим, коомдук билимдердин көрөңгөсүн талап кылган, табияттын бир мүчөсүнө жоопкерчилик жасаган жумуш болуп, кыргыз сынчылыгы ат түрүн таануунун өтөсүнөн (Толубай сынчы сыяктуу) так чыгып келген. Айтмакчы, ат сынчылыктагы ат түрү тек аттын сапаты жагындагы (жер бетинде кандай жылкы түрлөрү бар дегенди эмес) түрүн, асыл тукум түрүн көрсөтүү мазмунун гана камтыйт. Аттын эң чыгаан түрлөрү «Билим китепте» мындай катылуу келген: «Өркөчү бийик, зээри бас, \ Өкүм күлүк бир канча \ Өөдө жерден ноюбас, \ Токсон күн минсе жоорубас, \ Тобурчак бар бир канча, \Аркасы бийик, зээри бас, \ Аргымактан бир канча, \ Адырдуу жерден ноюбас, \ Алыска минсе жоорубас. \ Кара байыр, казанат, \ Калбыр өпкө, жез канат, \ Камыш кулак, сом туяк, \ Каса тулпар андан көп. \ Кара байыр түрсүлдөк, \ Чарчабаган күрсүлдөк, \ Буудандары андан көп. \ Торкодон үртүк жаптырган, \ Тогуздап тумар тактырган, \ Тобурчактан бир канча. \ Абайы үртүк жаптырган, \ Аземдүү тумар тактырган, \Аргымактан бир канча» (СО). Биз мындан чыгаан аттардын ысымдары, алардын жөндөмү, сыягы кандай экенине, мисалы, кара байыр түрүнөн тобурчак, казанаттар алыска минсе, токсон күн минсе жоорубас, өйдө-ылдыйды, адырды ноюбас бышык аттар экени; аргымактын аркасы бийик, зээри бас (капкан бел) сыягын; тулпар бөтөнчө жаралган, калбыр өпкө, жез канат, камыш кулак, сом туяк болорун; буудан басыгы күрсүлдөк, түрсүлдөк бөтөнчө болуп, эч качан чарчабастык жөндөмү болот деген чоң маалыматтарга ээ болобуз. Сынчылыкта аттын түрлөргө бөлүнүшүн сапаттык даражага ажыратып, кайсы ат түрү кайсы түрдөн өөдөчүлүгү бар экенин белгилеген. Ал атты мындай түрлөргө бөлүү, өөдөчүлүктөрүн көргөзүү адамдардын атка болгон керектөө ажатына баккан. Сынчылар аттардын керектөөсүн: жолго минер ат, жоого минер ат, чалгынга минер ат, байгеге чапчу ат, эр оодарышка түшчү ат, көкбөрү тартчу ат, өйдөгө минер ат, эңишке минер ат, өрткө минер ат, чаңга минер ат, чийне, арабага чегерүүчү ат, соко аты, жүк аты, мингич ат деген сыяктуу түрлөрүн айкындап, сынчы кайсы бир атка сын көз салганда, эмнеге жарар ат экенин айтып берген. Ал тургай, кайсыл түрдөгү атты ким минсе болорун, алсак, баатырлардын да өз дараметине жараша кандай ат миниши ылайык экени, мисалы, чоросу төрөсүнүн атын минсе, аны башкара албай калуусу, айтсак, Гүлчоро абасы Семетейдин Телтору атын минип, Үргөнчкө жөнөгөндө, элебей өзүнүн тобурчак атындай көрүп, аргымакка камчы салып жиберип, анын оозун башкара албай, көзү ала чакмак болгон окуя айтылган сыңары, ар ким өз алына жараша ат түрүн тутунуу керектигин эске салат. Ал аргымакты сокого катпайт, байге атын чоң киши минип чаппайт деген сыяктуу атты керектөө, минүү каадасы, чени болгон. Атты түрлөргө бөлүү, аттын каадасы, оорагын көрсөтүү менен кошо, кайсы түрдөгү атты кандай катмардагы адам минүүгө ылайык экени салт болуп калыпташкан. Ошого сынчы ар бир түрдөгү аттын өзгөчөлүгү, кандайга минсе ылайыктыгын ат сынчылыгында көрсөткөн. Ал кыргыз сынчылыгы аттын жогорку айтылган сапатына, жөндөмүнө, сыягына, жумушуна негиз үч чоң түргө, атап айтканда, асыл тукумдар, кара байырлар жана унаалык аттар түрү дегенге бөлгөн.

1) Асыл тукумдар. Кыргыз ат сынчылыгы аттын (жылкы баласынын) сапаттык түрүнүн эң башкысын, асыл тукумдар түрүн тапкан. Жылкы баласынын өзгөчө жөндөмдүү, касиеттүү, сырттандар түрүн шарттуу түрдө «асыл тукумдар» деп жыйнактап атоого туура келди. Ат сынчылыгы ушул асыл тукумдардын сапатын, адамга канат болуу жөндөмүн көрсөтүп, ошол сапатты башкы жетер маара чени кылып, жылкы тукумун өстүрүү маданиятын калыпташтырган. Кыргыз сынчылыгы асыл тукум түрүнө мына буларды киргизген:

  1. Желкайып. Желкайыпты сөздүктө: «Көрүнбөй кубулуп жүрүп, адам д а р д ы к о л д о о ч у , кереметтүү күчтөр; Желкайып көбүнчө күлүк жылкылардын колдоочусу же кереметтүү тууган энеси» – деп түшүндүргөнү. Кыргыз сынчылыгында, аттын эң асылын, жылкынын сапаттык жогору атагы, ат башын «Желкайып» атаган. Ал адамга көрүнбөгөндүктөн, анын бой сыны, сыягы кандай экени айтылбайт. Ал жылкы арасына кубулуп кирип, жылкыга асыл тукум берүүчү, «кайып жылкы» болуп, кыргызда «жылкы желден бүткөн» деген аңыздык уламыштын себепчиси ушул «Желкайып» болгон. Атап айтканда, Желкайып аңыздык ат эсептелет. Мындай сынчылыкта бир түрдүн эң жогору чегин көрсөтүү, мисалы, азуулууда «кумайык», канаттууда «буудайык» деген ошол түрдүн төрөсү сыңары жылкыда «желкайып» жылкы түрүнүн төрөсү, асыл тукум сапатынын чеги болуп, жылкы буудандарынын тегитүбү санжырасын Желкайыпка такаган.
  1. Буудан. Асыл тукум ат түрүнүн бирөө буудан болгон. «Буудан» сөздүктө (скакун) деп которулуп: «Алты ай минсе, арыбаган буудан» деген мисал менен көрсөткөн. Ал К. Карасаев: «Бута бою аң келсе, Буйдалбастан чуркаган Буудандыгы бар экен» деген мисал менен буудандын жөндөмүн айкындаган. «Буудандын» кыргыз тилиндеги сөздүк мааниси колдонулуу жагдайынан эки түрдүү мааниси чыккан. Бирөө «эң мыктысы» деген мааниде колдонулуп, адамдын асылын «чыгаан», «сырттан», канаттуунун асылын «кыраан» деп айткан сыңары «эң мыкты» сөзүнүн ордунда айтылган. Жылкынын эң мыктуусун сапаттык атак катары жалпылап «буудан» атаганы көрүнөт. Бул маани Токтогулдун: «Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың?» деген айтымынан билинип, буудан аргымактан да мыкты экенин эске салган. Ал «буудандын» эң мыкты деген сөздүн маанилеши катары келгенин, аны адамга колдонуп, Бакай буудан, Чубак буудан деп айтылганы «Манаста» кеңири учурайт. «Буудандын» экинчи мааниси, чарчабас, чаалыкпас ат болуп, анын аттык мүнөзү, жылдап, айлап жүргөн жолдо эч качан таалыкпастыгы, ар кандай аңдан тосулбагандыгы жагынан көрсөтүлгөн.

Кыргыз сынчылыгы буудандын өзгөчөлүгү анын кээ бир мүчөлөрүнүн бөтөнчө жаралышынан, атап айтканда, буудандын жүрөгү туюк келип, дүлөйү (толтосу) жок болорун, аны «Манаста»»: «Жүрөгүндө дүлөй жок, Буудан чалыш мал экен» (СК) деген. Ал туягы да жумуру келип, турасы жок куйма туяк болорун, «Манаста»: «Туягында тура жок, жүрөгүндө дүлөй жок» – деп айткан. Ошондуктандыр, буудан басканда, туяк доошу «күрсүлдөк, түрсүлдөк» болуп, алыстан буудандык басыкты байката алган. Ал кыргыз жомокторунда Алпкара куш учканда шамал чыгарып, борошолотуп жүрөт деген сыяктуу буудандын туяк доошу бүт жерди түрсүлгө салган. Ал асыл тукумдук атак катары эң мыкты жылкы атасын (пирин) жалпылап «буудан» атаганынан бөлөк, «кас буудан» аталган арналуу буудандардын болгонунун, «Манаста»: «Кас буудан болсо билесиң, Кара чобур минесиң» (СК) дегендей, кас (арналуу) буудан жеткен баатырлар минчү, жоого минсе, кууса жете турган, качса кутула турган күчтүү ат болгон. Жоонун Жолой баатырынын аты «Ачбуудан» аталганы, ал нечен жолу атынын күчүнө салып качып жанын куткарганы айтылган.

  1. Дулдул. Асыл тукумдун бирөө дулдул аталган. «Дулдул» кийинки киринди сөз болгонуна карабай, эл ичинде дулдул чарчап-чаалыкпаган, кийиктей зоокада жүргөн, жол тандабас жөндөмдүү, касиеттүү аңыздык ат экени кеңири тараган. Дулдул Токтогулдун элестетүүсүндө: «Ташка салсаң тайгылбайт, Туягы калың дулдулдун» болгон экен. Ушул дулдулдун жөндөмүнөн улам, «ат – адамдын канаты» деген тыянак элге жалпылашкан түрү бар. Дулдул азирет Аалынын кас (арналуу) мингичи деген уламыш жеткен. Сынчылык сынында, дулдул аргымактан өөдө болгон. Аны «Манаста»: «Ак көрпөсү булгундай, Аргымагы дулдулдай» (СК) деп аргымакты дулдулга чендеп көрсөткөнүнөн баамдаткан. Ал дулдулдун түбү «кайып» экенин «Манас» айтат: «Суркоён кара жылкы дулдулу, Кайып сурдун кулуну» (СК) болгондо, Суркоён кас дулдул ат болуп, адам мингени жөнүндө маалымат берген.
  1. Тулпар. Жылкы асыл тукумунун бирөө тулпар болуп, тулпардын сыны, сыягы бөлөк асыл тукумдарга караганда, сынчыга гана эмес, жалпы адамдын көз алдына тартылуу даражасында жалпылашкан. Тулпардын сыягы «канаттуу ат» дегенге ар кандай адам макул. Ал сынчылар тулпарды «калбыр өпкө, жез канат» деп, анын өпкөсү өзгөчө болорун, өпкөсү тилик-тилик чачыланып тургандыктан «калбыр өпкө» атаган. Анын канаты да жөн куштардын канатындай эмес, «жез канат» аталышы, жездей катуулугунан ошондой аталган. Айтмак, тулпарды жер бетиндеги элдердин бардыгы «канаттуу ат» катары эсептегенине караганда, Тулпарда учуу жөндөмү жетилген, кем дегенде, ушул кездеги улардан өздөшкөн тооктун учуу деңгээлинчелик, өйдөдө, ылдыйда, канча кеңдиктеги аңда тулпар учканын адамдар көргөн чагы бар. Ал кыргыз эл адабиятындагы жомокторунда канаттуу ат боюнча көптөгөн окуялар айтылган. Кыргыз макал, ылакаптарында жогоруда аты аталган асыл аттарга караганда, тулпар көп макалга чыкканынын өзү тулпар элге тааныш, адамга жакын асыл тукум экенин билгизет. Ал тургай, тулпар адам сыяктуу эстүү, тилдүү болуп, аны минген ээсине түрдүү акыл ой бөлүшө ала турганы, мындай баян «Эр Төштүктө»: «Айбан туруп сүйлөгөн, \ Жылкыдан башка Чалкуйрук» болуп баяндалган. Кадыресе, өз жерин сүйүү тулпардын эстүүлүгү катары көрүнгөндүктөн, сынчы: «Тулпар айланып үйрүн табат», «Тулпар жерин, эр элин сагынат» деген макал менен тыянактаган. Көрсө, макалда тулпардын өз жерин сүйүү эстүүлүгү эр менен тең орунда айтылган. Тулпар аңыздык асыл тукум ат гана болуп калбай, кадыресе адам мингендиги, адам «канат ордунда» колдонгондугу жөнүндө жомоктордо айтылат. Алсак, «Семетейде» Чынкожо баатырдын Караласы канаттуу болуп, асмандан туруп аткылап Семетейдин шаштысын кетиргенин Жүсүп Мамай манасчы мындай айтат: «Карала менен канаттуу,\ Чынкожо көктөн октоптур.\ Тунартып көзүн ачтырбай,\ Толтой жерден чоктоптур.\ Аколпокко ок деген, \ Уй түгүндөй орноптур.\ Камаарабас Семетей,\ Муну, капарга алып койбоптур». Кыргыздын «Билим китебинде» тулпарлык жөндөм, бөтөнчөлүгү бир гана Чынкожонун канаттуу Караласы эмес, Маанакердин да тулпарлык жөндөмү, канаты барлыгы айтылган. Маанакерди Сагымбай манасчы: «Сүрөтү жылкы зымпыйган,\ Териси кошо жыйылып, \ Капталга катып зыңкыйган. \ Канчалык күнү чапса да, \ Кардыкпай турган адаты, \ Оң жагында кырк чалгын, \ Сол жагында кырк чалгын, \ Туу кара кыл канаты» деп канаттуу экенин көрсөтө айтыптыр. Айтылуу «Көкөтөйдүн ашындагы» ат чабышта, Маанекерди байгеге салууга бардыгы макул эмес, ал демейдеги кара байыр аттардан бөтөнчө (канаттуу) экенин мындай сүрөттөөсүнөн билгизген: «Байге алар болсо Мааникер,\ Убара кылбай аттарды,\ Өзүбүзгө кайта бер.\ Силердеги Мааникер,\ Калбыр өпкө жез канат.\ Аны менен жарышса,\ Канаты бар куш калат.\ Төрт аяктуу айбандан,\ Кантип андан байге алат» (ЖМ)- деп, аны төрт аяктуу гана эмес, тулпарлык (канаттуулук) жөндөмү бар экени көрсөтүлгөн. Ушундан көрүнгөнү, тулпар «Манас» дооруна чейин адамдар жашоосунда болгону «Билим китептин» жабыгында, Маанакер аталган аттын жөндөмү менен катылуу турган.

2) Кара байырлар. Аттын эң жогорку сын-сапат түрүнүн бир түркүмүн карабайырлар тобу түзөт. «Кара байыр» сөзүн түшүндүрмө сөздүктө: «Асыл тукум жылкы менен карапайым жылкынын ортосунан чыккан аргымак, чалыш, чыдамкай жылкы» – деп чечмелеген. Ал эми, бул кошмок сөздүн түз сөздүк мааниси «зор байыр алгандар» болуп, адамга «байыр» (көнгөн) деген мааниде келип, тигил «асыл тукумдар» аңыздык (мифтик) белгилери басып турган, адамга толук «байыр» болбогон, адамга «кайып» сезилген жылкынын аталары (пирлери) биринчи урпактык белгилери менен турса, ага салыштырмалуу жапайылык (кайыптык) сапаттын экинчи урпагы кара байырлар түркүмү болгон. Кара байырлар адамдарга байыр алган, адамдар жашоосуна иштеткен, «унаалыкка» көнгөн, өтө кыл жылкы тукумдары эсептелет. Ошондон улам, адамдардын жашоосуна түз байланыштуу бул кара байырлардын сынын, сыягын, мүнөздөрүн кыргыз сынчылары бир чама даанарак көрсөткөнү байкалат.

Кара байыр түрүндөгү аттардын теги «кайыптан» (табияттан) аралашма, атап айтканда, «Асыл тукум жылкы менен карапайым жылкынын ортосунан чыккан» деген карашты, кыргыздын эл оозеки адабиятынан, жомокторунан такай жолуктурабыз. Башканы айтпай «Манасты» айтсак, Аккула ат: «Кулан кууп токтоткон,\ Кайыптан келген куу байтал…» (СК) тукуму болгону айтылат. Ушуга окшош аргымактар, тобурчактар, казанаттар, күлүктөрдүн тегинин бирөө (атасы же энеси) кайыптан (табияттан) дегени, кыргыз акылмандуулугунда, кайсы бир үй айбандары тегинде табияттагы эле жапайы жаныбардан болуп, кийин адам «байыр» алдырып алган, адам өздөштүргөн деген түшүнүгүнөн болгон. Кыргыздын ушул «кайып» түшүнүгү адам менен табияттын мамилеси жөнүндөгү дүйнө карашы болуп, «кайыптан бүтүү» табияттан келүү, «кайып болуу» табияттын өзүнө кайтуу эстүүлүк түшүнүгү эле. Ушул кара байыр аттар сапаттык жактан табийгы сапат жана кийинки адамга өздөшкөн (ылайыкташкан) сапаттын кошундусу бар аттар болгон. Ошого, алардын дене түзүлүшү табийгы чоң, сапаттуу келсе, өздөшкөнү, саяпкерлик менен таптаганга, адам өзүнө «канат» ордунда колдонууга макул болгону жагынан көрүнүп турган.

Кара байыр аттардын жалпы бой сынын сынчылар мындай сынга толтурган: Мойну. Каз моюн (мойну узун); Кулак. Камыш кулак (тик кулак); Маңдай. Жасы маңдай; Көз. Чолпон көз (көзү кызыл); Мурун. Топчу мурун (тегерек); Көкүрөк. Кең көкүрөк; Бел. Кылыч бел (белдин кайкылыгы кылычтын сыртындай кайкы); Жал. Түйдөк жал (жалы суйдаң, көп эмес), эл ичинде: «Кылыч бел, түйдөк жал, колго келбейт мындай мал» деген айтым бар; Куйрук. Түлкү куйрук (куйругу уйдукундай узун болсо да болбойт, кыска болсо да болбойт), туу куйругун кайрып соорудагы жамбаштын оркогу менен теңегенде, ошого жеткен; Шыйрак. Жез билек (шыйрагы ичке), байбелчеги ичке жана кыска, чачысы суйдаң (жүндүү эмес); Туяк. Каз таман (туяк мүйүзү жука), том туяк (ичи чөйчөктөй).

Кыргыз ат сынчылыгы кара байыр түрүндөгү аттардын сапаттык атактарын, жумушун мындай көрсөткөн.

  1. Аргымак. Кара байыр түрүндөгү аттын бирөө аргымак болуп, аргымактын сын, түсү адамдарга жакын. Аргымактын башы нар баш, жалы суйдаң тартып өтө көркөм болгондуктан, сынчы: «Аргымак көркү жалында, Алманын көрк ү шагында» – деп белгилеген; Аргымактын көкүлү жаркырап кубулуп, бөтөнчө көрүнгөн (аны кулагында шамы бар деген), ошого, анын көкүлүн: «Аргымактын кулуну, алтын көкүл кер болот» – деп белгилеген; Аргымактын куйругун: «Аргымак аттын куйругу, бирде жибек, бирде кыл» – деп, ал жөнөкөй аттын куйругу эмес, караса жибектей, бир караса, кыл болуп кубулуп көрүнгөн. Аргымактын түсү, көбүнчө кер, сур, кула, чанда чум кара болору айтылган. Аргымактын шыйрагы ичке, узун болгондуктан «жез билек» атаган. Аргымактын өпкөсү да тулпардыкына окшош тилик-тилик болгондуктан «калбыр өпкө» аталган. Аргымак аз оттоп, көп жуушаган мүнөзүн сынчылар байкап: «Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт, азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт» деген сыны макалга айланган. Аргымак кийик сыңары чөптүн өтө асылын оттоп, аз жегендиктен, анын курсагы ичине тартылып «кындыйып» сымбаттулугун сынчы: «Аргымак атт ар кындыйып» деп элестеткен. Ушул жерде кыпчый кетели, Толубай сынчынын уламышында, аргымакты бүт бир жергеде бар жылкынын ичинен учурата албай (кезикпей), көзүнөн айрылгандан кийин, кайсы бир жылгадан түшкөн сууга колун жууп жатса, колуна агып келген жылкы тезеги урунат да, мына ошол тезектен улам аргымак ошол жылганын башында экен деп аргымакты тапкан. Мында, Толубайдын ал тезек аргымактын тезеги экенин көзү менен эмес, колу менен кармап билиши, ал аргымактын «аз оттогон» мүнөзүн билгени, сынчы «аз оттогон» аргамактын тезеги кичине, ары катуу болуп, канча алыстагы суудан акса да (бөтөнчө чөптөрдү жегендиктен) эзилбегенинен аргымактын тезек белгисинен таанып олтурат.

Ал «Манас» доорунда аргымак адамдар жашоосунда болгону, Манастын Аккула аты аргымактык белгиси, сыны бар экенин Саякбай манасчы мындай айткан: «Кең көкүрөк, (кыска көкүл), тайкы жал, \ Кетмен туяк, кең соору, \ Аркар аяк, капкан бел, \ Алыска чыдар мал экен. \ Атасы тоонун кайыбы, \ Энеси чөлдүн бууданы». Мындагы «тайкы жалы» аргымактын жалы суюктугун, «кыска көкүл» аргымактын алтын көкүлү, «аркар аяк» аргымактын ичке жез билеги сыяктуу бүт аргымактык сынын сүрөттөгөн. Айтмакчы, «Манаста» бир эле Аккула эмес, Алмамбеттин Сарала, жоонун аты Кылгара сыяктуу аргымактар бир кыйла көп экени айтылат. Ал эми, Манастын Аккуласы аргымак болгону менен, ал буудан, тулпарларга окшобостугун, жоо баатырын кууганда Аккула ат нечен жолу өксүгөнү, Коңурбайдын аты аттаган коргондон Аккула аттай албай калганы себептүү, Манас бууданды арман кылып: «Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди, азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди» дегени бар. Манас баатырдын күчү, алы аргымактын жөндөмүнөн ашынып тургандыктан, ал бууданды, тулпарды арман кылып турат. Эгерим, Манастын мингени буудан же тулпар болгондо, Жолой, Коңурбайлар нече жолу качып кутулмак эмес. Бирок аргымакта асыл тукумдук (буудан, тулпарлык) жөндөм канча минсе да арыбастыгы, талыкпастыгы, кош аңдан чураганы сыяктуулар демейки аттардан өөдө болгон. Кыргыздын жөө жомоктору жана жомокторунда баатырлар аргымагынан ажыраганда, башка аттар баатырды максатына жеткирбегени, мертингени баса айтылат. Алсак, Семетей Тайбуурулдан айрылып калганда мертингени, Курманбек Телтору атты атасы бербей жоодон мертингени бөлөк аттар аргымактын жөндөмүнө жетпегенден болгон сапаттык даражаны көрсөткөнү эле. Аргымак айлап минсе арыбаган, жоого минсе, баатырга жоро боло турган өзгөчө жөндөмдүү ат эсептелет. Аргымакты көздөн аластатып, ага тумар тагып, үртүккө ороп асыраганын «Билим китепте»: «Урматтуу күлүк чоң Кула ат, \Үкүнүн жүнүн тактырып, \Үртүктү кабат жаптырып» (СО)- деп белгилеген.

  1. Тобурчак. Ат сапаттык түрүндөгү кара байыр аттар түркүмүнүн бирөө тобурчак ат болуп эсептелет. Түшүндүрмө сөздүктө тобурчакты: «Келишимдүү, денеси чоң, чың ат, күчтүү, жоокерчиликте минилген чыдамдуу ат» – деп түшүндүргөн. Сынчылар тобурчак аттын дене олбуру чоң болорун, аны «Манаста»: «Атыңдын мойну бир кучак, Аркар сындуу тобурчак» (СО)- деп сүрөттөп, «тобурчактын мойну бир кучактай» жоон болгондо, анын бою борчуктай болуп, «Билим китепте»: «Минер атын карасаң, \ Даңкара деген тобурчак, \ Кең соорусу үч кучак. \ Алдырып келди атыны» (СО) дегендей чоң жылкы болгон. Ал эми, тобурчак аттын зорлугун, мойну, балтыры, басканы боюнча мындай сүрөттөгөн: «Чубактын аты – Көктеке, \ Ичке мойну бир кучак, \

Тартылып ичи кындыйып, \ Жарап калган тобурчак, \ Балтыры бала белиндей, \ Басканы кырдын желиндей, \ Жал-куйругу бир кучак, \ Жаадай болгон тобурчак». Тобурчак ат олбуру чоң гана болуп калбай, боюна жараша өзгөчө бышык экенин, анын өйдө-ылдыйда бирдей жүрө турганын: «Тобурчак ат токунуп, Тоо аш, бел аш чамына» («Эл адабияты») деген. Тобурчактын күлүктүгүн Токтогул: «Тобурчак минип артынан, Куусаң келбейт балалык» дегени бар. Тобурчакка Жеңижок баа берип: «Тобурчак аттын – дулдулу, (Токтогул) топ жыйындын – булбулу» – деп, аны «дулдул» деген сөздүн аттын мыктысы деген мааниси менен билдирген. Аргымакты төрөсү минсе, тобурчакты чоросу мине турган салт жана шарт ошондой болгон. Алсак, Үргөнч дайрасынын кечүүсүн чалгындоого Семетей Тайбуурул аргымакты Гүлчорого мингизип жөнөтөт. Ал тобурчак минип жүргөн чоролор аргымак минүүгө кызыктар болуп, качан бир олуттуу ишке жумшаса: «Аргымак берсең минейин, ак олпок берсең кийейин», «Буурулду берчи минейин, Буулумду берчи киейин» дешип суранганы тобурчактан аргымактын даражасы, жөндөмү жогору болорун билгизет.

  1. Казанат. Кара байыр түрүндөгү кыл аттын бирөө казанат болгон. «Манас» чечмесинде: «Казанат күлүк аттардын тукумунун аты, кээде мыкты күлүк деген мааниде да колдонула берет» – деп чечмелеген. Ал эми, казанат «Билим китепте» дайыма: «Кара байыр казанат, \ Калбыр өпкө, жез билек, \ Ат тулпарын минишип», «Кара байыр казан ат, \ Калбыр өпкө, жез билек,\ Ат күлүгүн алалы» деген турактуу тизмек боюнча айтылып, казанаттын жөндөмү, бой түзүлүшүн көрсөтүп, казанат кара байыр түрүнө таандык экени, ал да өпкөсү калбыр, шыйрагы ичке, жездей катуу, асыл тукум чалыш ат экенин көрсөткөн. Казанат күлүк, чыдамдуу, айлык жолдо чаалыкпас ат болгондуктан, ал кайгуулга минчү ат эсептелген. Ал үчүн «Түшүндүрмө сөздүктөн» мисал терсек: «Кара байыр казанат, \ Кетмен туяк, кең соору, \ Керишке минчу жылкы экен» («Сейтек»), «Кара байыр казанат \ Какырдуу чөлдүн тулпары» (Жантөшев) деген сыяктуу сүйлөмдөр турат. Булар да, казанат кара байыр түрүндөгү аргымак, тобурчак аттар сыяктуу асылдын (кайыптын) тукумунан аралашма ат экени билинди.

3) Унаалыктар. Кыргыз ат сынчылыгы аттын жөндөмү, жумушу, адамдардын керектөө ажатына жараша унаалык аттарды бир түргө бөлгөн. Айтмакчы, жогоруда айтылган асыл тукумдар, кара байырлар эки түрү өзгөчө ишке, өзгөчө адамдар керектеген аттардын кыл түрлөрү, жылкынын сапаттык үлгүлөрү болсо, бул унаалык аттар түрү адамдарга жалпылашкан, жашоого, өндүрүшкө керектеген аттар түрү болуп эсептелген. Унаалык аттардын тукуму сынчылар тандаган айгыр-бээден эле туулган, адамдар өздөрү жетиштирген, ат сынчылык, саяпкерлик маданияттын жылкы сапатын өстүрүү табылгалары ушул унаалык ат түрүнөн даана көрүнгөн түр болгон. Унаалык аттарга чалыштар, күлүктөр, жорголор, тарпаңдар, чобурлар кирген.

  1. Чалыш. Ат сынчылыгында, айгыр жана бээни сынга толтуруп, чоң айгыр, ага жараша чоң бээни тандап, алардын тукумунан «чалыш» аталган чоң ат жетиштирген. «Чалыш» сөзү кыргыз тилинде эки түрдүү мааниде, биринчи мааниси, «бийик» дегенге маанилеш болуп, төрт таканы шадылуу, буттары узун келген бойго колдонгон. Экинчи мааниси, «окшогон» деген сөздүн маанилеши болуп, аргымак чалыш (аргымакка окшогон), жинди чалыш (жиндиге окшогон) дегн сыяктуу

сөз айкаштары менен келип, эмнеге окшоп кетерин туюнтат. Ал ат түрүнө колдонгондо, заңкайган чоң ат деген мааниде келип, адамдар унаалык ажат үчүн чалыш аттарды өстүргөн. Чалыш аттар арымдуу болгондуктан, көбүнчө, түзөң жердеги аш, той байгелерге даярдалган. Дагы келип, чалыштардын сымбат, сыягы келишимдүү болгондуктан, сыйга, сөөлөткө минүүгө жараган. Чалыш аттардын мойну узун, жалы суйдаң, кулагы тик, капкан бел, соорусу кең, куйругу жибек куйрук (барпаң эмес), сандуу, кең көкүрөк, туяктары тик, шыйрагы узун, бейбелчеги ичке, жалпы сыягы аргымак сындуу көрүнгөндүктөн чалыш атты демейки адамдар «аргымакка» окшотуп, аргымак чалыш атап алган. Эл ичинде, чалыш ат жылкынын жарамдуу, каадалуу түрү эсептелет. Чалыш ат таптоо алат, табына келгенде, анан күткөн талаптан чыгат. Чалышты көк бөрү тартуу, эр оодарышка салса, намысты алып берет. Айтмакчы, чалыш атты, кийинки кездерде кыргыздар арапча аталышы менен «бедөө» ат деп айтканы кээ бир жомоктодо жолугат. Мисалы: «Белен жарак, бедөө ат, \ Беш жүз толук эрим бар», «Аргымак, бедөө минишкен, \ Аземдүү тонду кийишкен» деген сыяктуу «бедөө» сөзү аз да болсо жолугат.

  1. Күлүк. Унаалык ат түрүнүн бирөө «күлүк» деген атак менен аталган. Күлүк колдон (кайыптан эмес) жетилет, ал күлүк аттын тукуму эсептелет. Күлүк негизи «ат чабууга» (байгеге) керектөөчү унаалык катары каралат.

Ал эми, жоокерчилик турмушта «кууса жетет, качса кутулат», көбүнчө, чалгынга, кайгуулга, ылдам кабарга минилген унаа болот. Күлүк ат менен бүт бир эл сыймыктанат, күлүк аттын байгеден чыгып намыс утуп бериши, байгеден олжо алып бериши күлүктүн кадырын көтөргөн. Күлүк кыргыз турмушунда абдан баркталат. Бирок, асыл тукумдугун салыштырганда, тулпардан алда канча кийинки экенин сынчылар корутундулап: «Жүздөн – күлүк, миңден – тулпар» деген. Күлүктү бөтөнчө көзөмөл менен багып, тумар тагып, үртүк жаап, жаман көз, жаман сөздөн аластатат.

Күлүктүн сынын (белгисин) сынчы мындай көрсөтөт: Нар баш; каңшаарлуу; кулагы тик, ары жука, ары жумшак; бото көз; үстүнкү эрининен астынкы эрини ашыгыраак болуп, шалпык эрин келет; эки таноосу кең; мойну узун, ооз моюну башка жылкылардыкындай быкжыйып турбайт, сыртынан билинип көрүнөт, мындайды «сал моюн ат» дейт; жалы суйдаң болот; сээр соорусунан бийигирээк келет; бели кайкы кылыч бел келет; соорусу көмөргөн казандай, ары тик болот; кең көөдөн, кулжа көөдөн; чаткаягы кең; туягы жамбы туяк келип, төгөрөк, ары тикчин келет; каржиликтин жана жото жиликтин булчуңдары өзгөчөлөнүп билинип турат; Байбелчегинин чачылары башка аттардай коюу болбой, суйдаң келет; куйрук кылы суйдаң, чычаңдын сөөгүн (куйрукту) капталдатып кайрыса, жамбаштын урункайына тиет, жумшак болот; өпкөсү тилик-тилик, эки жак өпкөсү үчтөн алты болуп, жетим өпкөсүн кошкондо жети бөлүк өпкөсү болот. Бул белгилери аргымак, чалыш экенин күбөлөйт. Күлүктүн сырткы сыны, мүчөлөрү бөтөнчө болуп калбай, анда ашаан күч болот. Аны сынчы: «Күлүк күчүндө, тулпар тушунда» деп белгилеген. Күлүк нече күнчүлүк ат чабууда талыкпайт. Күлүккө тап керек болот. Ошого сынчылардын: «Күлүктү табына келтирген – саяпкер, кушту кыраан кылган – мүлүшкөр» деген өкүмү макалга өткөн. Күлүк зилинен эстүү келип, таптоону жакшы көтөрүп, тапка шайкешет. Байгеде жол тандоо, сүрөөнү туюу, үстүндө бала жыгылса да, башкарган киши болбосо да, кармалып калбай, башка жакка басып кетпей, чубоосу менен байге марасына кадимкидей келе алат.

Күлүк жалпы күлүк аталганы менен, сынчы аны да мүчө белгилерине, күч-кубатына, болуп да, жер ыңгайына багып, өйдөгө, ылдыйга, узак аралыкка, жер татаал жагдайда кайсы күлүк өөдөчүлүгүн көрсөтөт дегендерге карай түрлөргө бөлүп, түрлөрүн: Сай күлүк, коо күлүк, тап күлүк, күч күлүк, суу күлүк, нес күлүк деп атаган. Ар бир түрдүн өзүнчө күлүктүк жөндөмү, мүчө-качасы окшобогон, жер жагдайына ылайыкташуусундагы айырманы сынчы көрө алган. Сынчы кандай жерде, кандай шартта кайсы күлүктү, кандай байгеге кошууну нускап турган.

Сай күлүк. Күлүктүн ичиндеги абдан күчтүү, талыкпас күлүк. «Билим китепте»: «Астындагы сай тулпар басканы сырттын желиндей» деген сүрөттөөсүндө сай күлүктүн жүгүрүшүн шамалга теңеген. «Сай» сөзү кыргыз тилинде, күчтүү, кадырлуу деген маанини берип, кээде адамга карай колдонулуп «сай кашка» (өтө жетик адам) аталат. Сай күлүк жер тандабай турганын, өйдө-ылдыйга, түнөп келе турган алыскы ат чабууга, канча узакка чапса, ошончо кызый турган жөндөмү бар экенин «Билим китепте»: «Өргө салса чаалыкпас, \ Көөдөнү кең турбайбы, \ Эңишке салса талыкпас, \ Өркөчү бийик турбайбы» – деп анын дене мүчөсүнүн өзгөчөлүгүнөн көрсөткөн. Сай күлүктүн жети өпкөсү толук жетилгени үчүн, саяпкер өпкөсүнө карай сай күлүккө уй сүтүн берип таптаган.

Коо күлүк. Күлүктүн ичинде чубоодо өтө күчтүү жүрө турган күлүктү «коо күлүк» атаган. Байгеге ат айдаганда, коо күлүк баштаган жерден чубоонун ортосуна түшүп, болуп да өйдөгө чапкан байгеде, чубоодо канча ат болбосун ортосун жарып, коо кылып жүргөн, ошого «коо бузган күлүк» аталган. Коо күлүктүн дене курулушу өтө чымыр болуп, абдан күүлүү, ал чуркаганда, анын күүлөнгөн эпкинин туйган башка аттар четке ыктай берип, арасын ача жүгүргөн. Ошого алыстан караган киши чубоонун ортосунда коо пайда болгонун көрө алган. Коо бузар күлүктү, демейде жакын аралыкка, өйдөгө салган.

Тап күлүк. Күлүктүн ичиндеги чапчаң мүнөздүү ат «тап күлүк» аталган. Аралыгы жакындан чубаткан байгеде тап күлүк тап койгондо эле, дароо алдыга чыгып, тап берме күлүк болгон. Тап күлүк өзүн аёого, чубоонун жүрүшүнө көңүл бурбаган. Ал күлүктөрдүн ичинде, алды менен таман кызытып барып соңунда күчөй турганы болот. Ал эми тап күлүк андай эмес, аттарды айдагандан эле чапчаңдыгын карматып, чуу коюп жөнөмө күлүк болгон. Бирок, тап күлүктү алыскы чубоого салбайт. Сынчы тап күлүктү: «Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт» – деп тыянактаган.

Күч күлүк. Күлүк ичинде күч айырмасы күчтүүлөрү болгон. «Күч күлүк» күлүктөрдүн күчтүүсү болуп, күч күлүктү, көбүнчө, өйдөгө, жери татаал, аң, сай сыяктуу жер жагдайы начар ат чабууга салган. Күч күлүк аңдан чурап, сайда ташка бутун урбай чебер өтө алган. Күлүк күчүн сынап (күлүк – күчүндө), атайын өйдөгө, деңиз деңгээлинен бийик, түтөк жерлерге, өйдөлүш тайпаңды тандап байге чапкан. Ошондо, сынчылар андай жер жагдайына күч күлүктү тандап салган. Болбосо, түтөгүп күлүк мертинген. Күч күлүктүн таптоосун саяпкер жакшы билип, түтөк жерге кандай таптоонун, чабаар күнкү суутунун (табынын) ыгын тапкан.

Суу күлүк. Күлүк ат чабууда, кээде эңкүү, ылдыйга чабуу ыңгайын тандашкан. Ошондо, сээри бийик, соорусу пас (арка буту кыска келет) күлүктүн ылдыйга жүгүрүшү ыңгайлуу болгон. Кудум аккан суудай (суу качан да ылдыйга агат) шар чуркаган. Ошол ылдыйга сызып бара жаткан көрүнүштөгү күлүктү суу күлүк атаган. Атап айтканда, ылдыйга күчтүү жүгүргөн күлүк суу күлүк болгон.

Нес күлүк. Эч нерсени тоотпогон, тандабаган, «айгай укса шашпаган», болуп да, аттарды айдаганда, кокус аба-ырайы бузулуп, жаан чачындуу абалга тушукса да, жаман аба-ырайына ылайыкташып ат чабуудан келе алган тоотпос күлүктү «нес күлүк» (ылгабас) атаган. Нес күлүк демейде, болуп да табы жетилгенде үргүлөп, жерге башын салып нестейип турган абалда болот деген, сынчы.

Айдай күлүк. Жакынкы заманда, эл ичине (бир бөлүк жерлерде) «Айдай күлүк» деген күлүк ат тукуму тараган. Анын уламышы Ысык-Көлдөн чыккан атты бир «Айдай» аттуу келин багып, ал жергеде алдына ат салган күлүк болуп жетилет. Ошол аттын урпактары бүт өз жергесинин ат чабуусунда байгеден баш чыгып келгендиги боюнча уламыштар көп.

  1. Жорго. Унаалык аттар түрүндө жорго өзгөчө унаа болуп, ат бутун өтө сылык сермеп, абада чабак уруп, үстүн опоңдотпой, термелтип жүргөн ат жүрүш өнөрүн кыргыз «жорго» атаган. Жорголук өнөрү жок атты «жорток» деген. «Жорго» айрым жылкыга туш келген (адам усталары сыяктуу) өнөр эсептелет. Ал эми кыргыз төкмөлөрүнүн ардак аты, сөздү куюлуштруп сүйлөгөн, чечендик жөндөмү барлар да «жорго» өнөрү менен аталып, «жорго сөздүү», «адамдын жоргосу» деп колдонгон. Кайсы бир ырчы Токтогулду урматтап: «биз чобурбуз, сиз жорго» дегени аны ырастайт.

Кыргыз ат сынчылык маданиятында жоргону сынга толтуруу, жылкынын «жорго өнөрүн» өстүрүүгө абдан зор маани берген. Жорго жорго айгыр, жорго бээден туулган. Жорго кыргыз ат минүү маданиятында абдан барктуу, каадалуу унаа болгон. Жорго минүү кызыктуу болгондуктан, жоргодон дайыма тер кургабай турат. Ошого сынчылар: «Жоргонун тери кургабайт, эркенин жашы кургабайт» – деп корутундулаптыр. Кыргыз тарыхында Жакыптын Бозжорго, Шырдакбектин, Жаңылмырзанын жорголорунун баяны эл ичинде айтылып келет.

Жорго мингендердин ээрде отуруу сыягы да окшобойт, үзөңгүнү чирене тээп, тизгин тарта кайкалап, сөөлөттүү жүргөн. Жоргону салдыруу, жорго минүү сыягы жарашымдуу болууга койгон сынчылардын: «Жосунсузга жорго мингизсе жарашпайт» деген баасы макалга өтүп, жорго мингендер боюн түздөп, жорго баркын чыгарып салдырган. Жоргонун кадырын сынчылар мындай жактардан көргөзгөн.

Бакыт. Кыргыз жашоо карашында, жорго минүүнү бакыттын бир белгиси катары сезип: «Бир күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин», «Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын (чылпылдасын) оозуңда, бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда», «Болооруңда болуп өт, боз жоргодой бөжүп өт» деген макалдар менен жоргонун кыргыз жашоосундагы кадыры бакыт катары бааланган. Кадаа. Жоргону кадырлуу ата-эне, каадалуу кыз, дөөлөтмөн мырзалар минген. «Билим китепте»: «Торко тон менен жайкалып,\ Боз жорго менен чайпалып,\ Байбиче жөнөп калыптыр» (СО) дегендей көчтө дөөлөтмөн энелер ак элечектерин заңкайтып, жол жорго минип чайпалып жүрсө, каркыралуу кыздар суу жорго менен сеңселип, нарктуу баш кийимдери башында омоктуу, кыйшайып, кыңырайып, термелип койбой сөөлөттүү жүргөнү, алардын каадасын (кадырын) көргөзүп турган. Атап айтканда, жорго минген (жорток минген) адамдардын көзүн талдырган. Ошого, элде: «Жоргонун баркын мингенде билерсиң, жакшынын баркын өлгөндө билерсиң» деген макал чыккан. Жоргонун каадасы, адамдар арасындагы мамиледе, дос жар тутунууда, жорго тартуулоо өтө чоң сый каадасы болгон. Бул каада «Билим китепте»: «Айыл башы, ак сакал,\Топ башынын баарына \ Жоргодон тандап миндирди,\ Жоо бөрүсү эр Манас,\ Жоомарттыгын билдирди» (СО) деп айтылып, ошондон сыйдын башы жорго тартуулоо салт болуп калган.

Намыс. Кыргыз мааракелеринде жорго салдыруу жарышы эл-журт намысын утуп, ээсине бет-кадыр алып берген. Жорго жетилдирүү, аны багып-тутунган адам өз коомунун дөөлөтмөнү, мыктуусу катары каралган. Жорго тартууга жарап, жорго салыштырууда озуп чыгып, эл ичинде жорго салдырып жүрүү сыяктуу намыска жараган унаа болгон.

Сынчылар жоргонун жорголоо өнөрүнө карай: суу жорго, жол жорго, кой жорго, чапма жорго, шайбар жорго деген түрлөргө бөлгөн. Ал жорголордун жоргологон өнөрлөрүн да окшотпой атаган.

Суу жорго. Жоргонун ичинде суу жоргону күчтүү жорго эсептеген. Суу жорго салдырганда эч качан төрт бутун жазбай сермеген, атап айтканда, жоргосун жазбаган жоргону көрсөткөн. Анын үстү өтө тынч болуп, катуу салдырганда да аякка куйган кымыз, суу чайпалбай жүргөн жорго болгон. Суу чайпалбас жорголук өнөрүн «суу жорго» атап, суу жорго жүрүмүн «жылжып, бөжүп» – деп сыпаттаган. Суу жоргонун ылдамдыгы учкан жылдыздай, аккан суудай тез жүргөн. Суу жорго салдырганда, куйрукту сүмбөдөй коё берип, тизгинди нидерип өтө көркөм сыягын чыгарган. Кыздардын мүнөзү сылык, сыпайылыктан көрүнгөндүктөн, суу жоргону каркыралуу кыздар минген. Көчтө, айылдаш курбу кыздар көч алдында суу жорго менен сызып чубашкан да, алда качан көч алдында конушка жетип, кыз ойноок ойноп, көчтү күтүшкөн. Кыз куумай оюнунда, кыз алдында, суу жорго менен, кош этек көйнөктүн этегин суу жоргонун куйругуна жаба көркөм сызган (күлүк менен атыраңдатып чаппаган), артынан кыз кууган жигит да суу жорго менен кууп, аракеттери жорго ыргагына ылайык өтө сылык, сыйлуу оюн курган.

Жол жорго. Арналуу жолго минчү, жол арбытуучу жоргону «жол жорго» атаган. Жол жоргонун жүрүмү өтө ылдам, жоргосун жазбай, чапкан ат илеше албаган ылдамдыкта шалкылдап жүрөт. Жол жоргону «Билим китепте»: «Айдаркандын эр Көкчө, \Жол жорголуу шалкылдак, \Жорго чалыш киши экен» (СК) деп сүрөттөгөн.

Жол жорго менен жолулаш болгон жорток аттуулар чапса аты арыган, басыгы менен ага жетпеген. Ошого, «Жорго минген менен жолдош болбо, жоболоңдуу менен айыл конбо», «Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат» деген корутунду макалдар чыккан. Качан сапарга жолдош болгондор жоросунун минген атына байкоо салып, анан жолдош болгон. Жол жоргонун жүрүшү чөптүн башы сыдырым желде чайпалгандай көрүнгөндүктөн, анын жүрүшүн «чайпалуу» деп атаган. «Билим китепте»: «Абакеңиз Кошой дөө,\ Боз жоргону чайпалтып,\ Ак сакалын жайкалтып…» (СО) – деп көркөм жүрүмүн сүрөттөгөн. Жол жорго чайпала жоргологону менен, үстү тынч, күнчүлүк жол тарткандар, кыйналуу сезбеген. Жол жоргону дөөлөтмөндөр тутунган.

Чапма жорго. Ат жорго өнөрүнүн бирөө чапма жорго деп аталган. Төрт бутун текши коё берип, тыбыр шилтеп, абаны сызыл чабактап, ылдамдыгы чапкан аттай баратса да жоргосун бузбай жүргөн жоргону «чапма жорго» атаган. Чапма жоргонун төрт туягынан даңкан үзөңгүгө карай чачырап, аркасында чаңы созолонуп, бирок ат соорусуна чаң илээше албай сонун көрүнүш жаралат. «Билим китепте»: Бозжоргону аргытып, \ Артынан чаңын баргытып» (СО) деп сүрөттөгөн. Чапма жоргонун жорголук жүрүшүн «шалкылдап», «шалактап» – деп атаган. Чапма жоргону кыл мурут жигиттер, жаш мырза, манаптар минген.

Кой жорго. Ат жорголук өнөрүнүн бирөө кой жорго болуп, жоргосу майда, жүрүшү жай болгондуктан, арийне койдун ылдыйдагы жорголой басышынан эликтеп «кой жорго» атаган. Кой жоргонун жорго жүрүшүн «кылтылдоо» – деп сыпаттаган. «Билим китепте»: «Жортуулга минген көй буудан, \ Жоргосу чыгып кылтылдап» (СО) деп, жай жүрүштү сүрөттөгөн. Кой жоргону картайган адамдар, элечегин заңкайткан байбичелер минген. Кылтылдаган кой жоргого балалуу бешик өңөрүп, күнчүлүк жерге жүрсө, бала бешикти кадимки терметкендей уктап, келе берген.

Шайбыр жорго. Аттын жорголук өнөрүнүн бир түрү болуп, жорголоп жортуу, бөрү жортуш салуу сыяктуу аттын жорткон жүрүшүн «шайбыр жорго» атаган. «Билим китепте»: «Басыгы чыгып алчактап, \Шайбырына төндүрүп, \Жоргосуна көндүрүп…» (СО) – деп сүрөттөптүр. Шайбыр жүрүш бөрүнүн жорткон басыгын көз алдыга тартат. Шайбыр басыкта жүргөн ат жолду абдан арбытып, минген адамды «жорток» сыяктуу кыйнабайт. Бирок, башка жорголор сыяктуу жоргосун арбыта албаган. Эл ичинде басыктуу ат, жүрүштүү ат деген аталыштар менен аталып кеткен. Шайбыр жүрүштүү ат өндүрүш адамдарынын унаасы болуп, мал издөө, барды-келди сапарына минүү сыяктуу жумуштарга минген.

  1. Чобур. Унаалык аттардын бир түрү болуп, бой десе, чалыштыгы жок, минсе, жорголук өнөрү жок, «Торпокко жетпес чобурун» («Манас»), турмушта карапайым унаалыкка иштеткен аттарды жалпылаштырып «чобур аттар» атаган. «Түшүндүрмө сөздүктө»: «Асыл тукумдугу, чалыштыгы жок, тукур жылкы» деген. Чобур аттын энеатасы да демейки үйүрдөгү чобур жылкыдан болгон. Чобур жылкынын өзгөчө сыны жал куйругу жеткилең өсөт. Ошого «жаман атты жал басат» дегени ушул чобур аттарга каратылган. Чобур кыргыз өндүрүш унаалык аттары болуп, малга минүү, жүк жүктөө, буурсун, сокого катуу, кырман майканга иштетүү сыяктуу жумуштарга унаа кылган. Чобурду ат чабууга, көк бөрү тартууга салбайт.
  2. Тарпаң. Унаалык аттардын жоон-жолпусу, атайын өндүрүшкө өстүргөн ат түрү болуп, анын бели-башы, төрт буту жоон, туягы чарадай чоң болот. Тарпаңды тарпаң айгыр, чоң бээден тукум калтырып, өндүрүш үчүн өстүрөт. Тарпаң басканда жорток, тарпылдап баскандыктан «тарпаң» аталган. Тарпаңды «түшүндүрмө сөздүктө»: «Байыркы заманда жашаган жапайы жылкы» деп түшүндүргөн. Тарпаңдын жалкуйругу коюу, бутунун байбилчеги, чачысы жүндүү болот. Тарпаңды мурда чийнеге, арабага каткан. Арабанын шатысын белине артса, арабадагы жүктүн бардыгын көтөрүп, ылдыйда сүрүлбөй, өйдөдө арабаны коё бербей салмагы менен арабаны омоктуу алып жүргөн базмырт ат эсептелет. Ал арабанын чоймосуна чобур аттардан чегерет.

3-§. Түсү

Түсү дегени, анын жүнүнүн өңүн билдирет. Кыргыз сынчылыгы ар нерсенин түсүн анын сынынан бөлө караган эмес. Түсү анын ички жана сырткы сыягына сын берип көргөзөрүн айкын тааныган. Ат түсү да ат сынынын бир бөлүгү эсептелген. Аттын түсүнө болгон түшүнүк кыргыздарда улуттук түстү негиз этип, кыргыз акыл сүйөрлүгүн (философиясын) такоол кылган. Аттын бир нече көзгө ысык жөрөлгөлүү түстөрүн калыпташтырган. Кадыресе, аттын түстөрүнүн аталыштары да мол болгон. Демейдеги боёкторго салыштырганда, кыргыздын ат түсүн белгилеши өзгөчө болуп, кыргыз түс таануу жалпы жөрөлгөсүнөн ат түсү бөлөктөнүп турат. Мисалы, кыргыз жөрөлгөлүү жагымдуу түстөрү кызыл, ак, жашылдар жагымдуу түс болуп эсептелсе, ал ат (жылкы) түсүнөн анчейин билинип кетпейт. Ошого ат (жылкы) түсүн кыргыздын атка (жылкыга) гана таандык түс карашы деп атаса болот. Аттын түсү аттын асылдарын тандоого, жакшылыкка кайсыл түстүү ат минүү, кайсыл түстүү жылкыны аш-тойго керектөө сыяктуу салттары да калыпташкан. Кыргыз сынчылыгында аттын түстөрүн мындай сынга толтурган.

  1. Боз. Жылкы түсүндө ак деп айтылбай, ак түстүү жылкыны «боз» атаган. Боз жылкынын жал куйругу дале кара болот. Мында «ак боз ат» кыргыздын жөрөлгөлүү улуттук түсү катары каралат. Кыргыз сынчылыгы «Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы айткан сөзгө бек болот» деген корутундуну макалга өткөргөн. Улуттук улуу маарекеде эл башы, баатырлар ак боз ат минип эл алдына чыккан. Улут биримдигине «кол чогултканда» (билек түрүшкөндө) ак боз бээни чалып, анын канына билектерин малышып, ак боз бээни ыйыктыктын, анттын күбөчүсү кылган. Баатырлар ак кызыл чайылган буурул, кула аттарды жан жоролукка тандаган. Алсак, Аккула, Тайбуурул, Кула бээ (Аккуланын энеси), Айманбоз сыяктуу «Манаста» ак, акыйкат ишке минген жылкы баласы бүт «боз», боздун бурум түстөрү «кула», «буурул» болгон. Демейдеги, эл ичинде, боз атты, кызыл буурул атты «кызыл ат» деген тергеме ат менен атайт. Салкызыл, Телкызыл, Наркызыл деген аттар «Билим китептен» чыгат. Боздун бурулган түстөрү:

Буурул. Боздун (актын) арасына көк майда темгил жүндөр чайыса, түсү көк буурул болуп бурулат. Боздун арасына кызыл темгил жүндөр чайыса, кызыл буурул түскө бурулат. Буурулдун дагы ала буурул, кара буурул деген бурум түстөрү бар, бул боздун үстүнө кара темгил жүндөр чайыгандан ошол түстөгү буурул болуп көрүнгөн. Кандай түстөгү буурул болсо да, анын жал, куйругу кара болот. Буурул жагымдуу түскө жорулган.

Кула. Боз түскө бозумук жүндөр чайылып аралашып келгени, кула (чайыттай ак эмес) түскө бурулган. Ал чаңкай агы бозумуктан көбүрөөк чайылып турганы «ак кула» түскө бурулган. Манастын аргымагын: «Өңү кула, кара жал, \ Өзгөчө сонун бу бир мал!» – деп кула түс жагымдуу көрүнгөн.

Агыш. Бозумук тарткан боз (ак) түстүүлөрдү агыш түс атаган. Буурулдун көбү улам агышка тартып ак буурул болуп көрүнөт.

  1. Кара. Кыргыз сынчылыгы аттын кара түсүн, кара атты көзгө жагымсыз катары караган. Көбүнчө, жоонун мине турган аттарын кара атаган, мисалы, Кылкара, Жойкара ж. б. Кара ат түсүнүн мындай бурулган түрлөрү бар: кара кашка, кара кочкул, кара сур, кара күрөң, кара көк, кара чаар деген сыяктуу түстөр карадан бурулган түстөр болуп эсептелет.

Кара кашка. Кашка дегени, кара аттын маңдайына түрдүү кебетедеги ак жүндөрдүн тамгадай түшкөнүн көрсөткөн. Аттын кара түсү жагымсыз көрүнгөнү менен, кара кашка, ак шыйрак атты өзгөчө жакшы жышанага жоруган. Ошол ак жүн тамгалардын сыягына карай кашканы: теңге кашка (теңгедей), ай кашка (ай сыяк), жалаң кашка (маңдайдан тумшукка чейин), камчы кашка (камчы алаканы үстүндө, камчысы куюлуп турган), тумар кашка (тумарча) атаган. Мында эң жышаналуусу тумар кашка болгон. Кашка бир эле кара атта болбой, аттын бардык түстөрүнүн өзүнчө кашкасы болгон.

Ак шыйрак. Кара аттын дагы бир жышаналуу белгиси «ак шыйрак» (ак байпак) болот, ак шыйрак кара аттын төрт шыйрагы тең ак болсо, жышаналуу болотко жоруган, болуп да, маңдайында кашкасы бар, төрт шыйрагы ак болсо, «беш кашка» аталып, эң жышаналуу ат деп жоруйт. Бирок, аттын сол жак шыйрагы сыңар ак болсо, жышаналуу эмеске жоруган.

  1. Жээрде. Аттын айкын түсүнүн бирөө жээрде болуп, кызыл менен сары текши чайылган бир түрдүү түс, ал караганга кызылдай, бирок кызылды сары түс чаңытып көргөзгөндөй өзгөчө өң, мындай өңдү жылкыда «жээрде» атаган. Жээрденин жал, куйругу кара болот. Ал эми жал куйругу агыш келгенин чабдар атаган. Жээрде түс көзгө жагымдуу, жээрде ат сымбаттуу келип, көбүнчө, жорголорун каркыралуу кыздар минсе жарашкан. Жээрде аттын да кашкасы, ак шыйрактары, атап айтканда, «беш кашкасы» жышаналуу деп жорулат.
  2. Көк. Асмандын, көлдүн бетинин өңүндөй көгүш келген жылкынын түсү көк жылкы, көк ат аталган. Көктүн жал, куйругу кара болот. Көк аттын: көгүш, кара көк, көк ала, көк чаар, көк кашка деген бурум өңдөрү болот.

Сынчылыкта көк ат көзгө жагымдуу түс болуп, кайраттуу, курч, күчтүү мүнөздүү ат катары каралат. Көк атты баатырлар минген, Көкала, Көкчолок, Көкбуудан деген арналуу мингич аттар болгон.

  1. Сары. Демейки сары, саргарган чөп өңүндөгү жылкы, ат түсү сары ат аталган. Сарынын бурулган өңдөрү: сары кер, сары ала, сары кашка болуп айтылган. Сары ат жалпы эле кыргыз түс таануусундагы сарыны жагымсыз көргөн сыяктуу, коошабас түс катары кабылданат. Сары ат негизи арналуу унаалыкка колдонулбай, өндүрүшкө керектелген. Алмамбеттин Сарала деген өзү жергесинен минип келген чоочун атын эсепке албаганда, баатырлардын аттары сары болгон эмес.
  2. Тору. Карага кызыл чайылган, кызгылт күрөң көрүнгөн өң жылкыда, «тору» аталган. Тору жылкынын куйругу менен жалы кара болот. Торунун бурулган түрлөрү кызыл тору, кара тору, кашка тору аталат. Караны кызылы көбүрөөк басып турса, кызыл тору, кызылды кара көбүрөөк басып турса, кара тору аталат. Кара тору, кызыл тору өңдү адамга да көбүрөөк колдонот. Тору түстөгү аттардан аргымактары, тобурчактары көп чыккан. Көзгө жагымдуу түс болуп, баатырлардын мингендери Телтору, Тайтору, Тоотору ж.б. сыяктуулар көп айтылган. Торунун да кашкасы, «беш кашкасы» жышаналууга жорулат.
  3. Күрөң. Коңур кара өң, кочкул боз өң күрөң аталат. Жылкыда күрөң түс сейрек кезиккенине карабай, күрөң атты унаа кылган мисалдар бар. Алсак, Карткүрөң, Күрөңбоз деген атайын мингич аттар болгону айтылат. Күрөң ат көзгө анчейин жагымдуу көрүнбөгөн. Күрөң ат, көбүнчө, өндүрүшкө керектегенге ылайык келген.
  4. Кер. Жылкынын ичинде, түстөр аралашмасынан болгон түс кер аталган. Кер түс кайсы бир эки түстүн кошундусунан көрүнгөн, ал кара түстүн арасына боз түстүн чайылып кошунду көрүнүшүндө карасы басым көрүнгөнү кара кер болгон. Кердин тумшук, шыйрактарына боз түс көбүрөөк чайылып, кер өңү ачылат. Ал сары түскө кара түс кошунду болуп турса, ал сары кер, коңур түс чайып турса, кер тору ат болуп аталган. Кандай кер болсо да, анын куйругу менен жалы кара боюнча болот. Кер түстөгү ат чымыр, жумушка бышык келет, кер түстөн аргымактар да чыгат деп каралат. Сынчылар: «Аргымактын кулуну, алтын көкүл кер болот» деген сынга толтурган. Кер атты, көбүнчө, өндүрүшкө унаалыкка керектеген.
  5. Ала. «Ала» сөзү башка түс менен ак түстүн аралаша келишин туюнткан. Актын кайсыл түс менен аралаша келишине карай, «Ак ала, кара ала, сары ала, көк ала, боз ала, жашыл ала, тору ала, кызыл ала» болуп айтылат. Кыргызда ала жылкы урунган көрүнөт. Кыргыз тарыхы жазма баяндарында «жылкысы ала болот» деген баян болгонуна, «Билим китепте»: «Каныкей айткан бул бир кеп:- Адырда жылкы ала баш, \Аргымак чалыш аралаш, \Аргымак таптап минүүгө, \Арстан көргөн бала жаш»

(ЖМ) айтылганына караганда, ала жылкы күтүнүү кыргызда жөрөлгө окшойт. Айтор белгилүү түс болгондуктан ала жылкы тутунса да керек. Ошого сынчылар: «Ала жылкы жоголбойт, арамза адам оңолбойт» деген макалды чыгарган өңдүү. Бирок, ала атты, көбүнчө, жагымсыз карап, сый, маарекелерде көп көзгө тартпаган.

4-§. Мүнөзү

Ат сынчылыгы жылкынын, болгондо да адамга жоро болгон аттын мүнөзү, кыялын сынга толтурган. «Адам жылкы мүнөз болот» деген сынчынын накыл сөзү элге жалпылашкан. Ушул мааниден жылкы (ат) мүнөзү башка төрт түлүк малдан өзгөчө, адам мүнөзүнө жакын экени билинген. Жылкынын жалпы мүнөзү өзгөрмөлүү болуп, ал семиргенде, жал бүткөндө («Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт»), ошол сыңары, адам байыганда, мансап кармаганда, атка жал бүткөнгө окшош адамдын «көзүн май басып» бир түрдүү мүнөз тутунганы, ат арыганда («Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр»), арыктаганда (адам жоксуздук тартканда) дагы бир түрдүү мүнөзгө өзгөрүүсү, кээ күнү куушурулуп, чунаңдап калышы (адам корсулдап калган сыңары), ар бир адамда ар башка мүнөз болгонсуп, ар жылкыда (атта) да бирден мүнөз күтүү (бирөө тебээк, бирөө тиштээк ж. б), ал тургай, туума (качкы) мүнөз, кийин пайда кылган мүнөзү (үркүнчөөк) болгон. Ал жылкынын үйүр боло калышы да оңой болуп, «Киши сүйлөшкөнчө, жылкы кишенешкенче» деген сынчынын корутундусу ырастагандай орток мүнөздөр болгон. Ошондон улам, адам мүнөзүн «жылкы мүнөз» деген тыянак чыккан. Ат сынчылыгы аттын мүнөз-кыялдарын адамдарга мындай жактарынан көрсөткөн.

  1. Качааган. Ат тубаса мүнөзүнүн бирөө качааган (качкы) болуп, качкы жылкы (ат) канча колго үйрөткөнгө бакпай, өз мүнөзүндө кала берген болот да, карматпоого аракет кылат. «Жылкыны имерсе, качагаан жылкы өзү эле четке чыгат» (Түшүндүрмө сөздүк). Качааган ат демейки жылкы кармай турган «соломолорго» жакындабай бөлүнүп качат. Качааганды күлүк менен сүрө кууп боолук салып, чалма салып зорго кармайт. Ошого, сынчылар качаагандын мүнөзүн: «Качааган айгыр үйүрүн түгөтөт, көчөөгөн төрө элин түгөтөт» деген сын корутундуга келген. Ал кыз узатуу тоюнда ат минип айтылуучу өлөңдүн саптарынан: «Менин мингеним көк качааган, боз качааган, сур качааган» деген саптар «качааган» мүнөздүү ат минип, өлөң таймашынан жеңилсе, өзү да качааган болорун каймана туюнтканы болчу. Ал тургай, кээ бир ат «ээр качкы» болуп, качан баймактап (тушап, чидерлеп) ээрчен отко коё койгондо, ээрчен, тушоосу менен качат. Көп кезде ээр качааган ээсин жөө калтырат. Ал тургай качааган бээлер желеде саадырбай качып, мойнуна аркан сүйрөтүү, дагы башка аргалар менен бээни кармай алышат, аны ээрчиген кулун да качааган болуп чыга келет.
  2. Азоо. Азоолук да жылкынын (аттын) тубаса мүнөзү болуп, ар кандай жылкы баласы минүүгө үйрөтүүдөн мурда «азоо» аталат. Кээ бир азоону үйрөткөндөн кийин да, үйрөткөнгө болбой, өз мүнөзүн сактап, мөңкүп, чапчып, аялдарды, балдарды минүүгө жакындатпай, токуган кезде, жөн токутпай, жүгөн катканда, башын ала качып, жөн такалатпай азоолук кылат. Адамдар азоону көбүрөөк унаалыкка керектеп, жоошутууга аракет кылат.
  3. Чабдес. Кээ бир аттарда чабдестик тубаса мүнөз болуп, адам үзөңгүгө бутун абдандап алып, мингиче алып жүрүп кетмей, чапчаң адам болбосо, сүйрөп жөнөмөй мүнөзү болот. Чабдес ат жол жүргөндө оолугуп, булкуна жүрүп, үзөңгүлөш бастырган жүрүштө да, алдыга алкылдап, тыбырчылап, тизгин нидерип, ойдолоктоп жөн баспай берет да, оңой тердеп өзүн, минген кишини арытат. Чабдес атты «оолукма» ат деп да мүнөздөйт. Чабдес атты сырын билген адам минбесе, басык-туругу менен кыйнап коёт. Чабдес атты көк бөрү тартууга минсе, жерден эңгенди дароо алып жүрүп кете алат.
  4. Корску. Кээ бир аттын тубаса мүнөзү болуп, кармап-сермегенге анчейин көнбөй, токуганда, байлаганда, аркандаганда, корс берип боюн ала качып, куушурулуп, чунаңдап турат. Кандайдыр бир тамга, короого жетелесе, корс берип тартынып баспай берет. Болуп да, минип бара жатканда, жолдон анча-мынча карак-сарак чыга түшсө корс берип кетенчиктеп, же жол четине ойт берип адамдын тынчын алат. Корску мүнөздү атты кары-картаң, бала-чака минүүдөн, жүк жүктөө, арабага чегерүүдөн абайланат.
  5. Үркүнчөөк. Аттагы кийин пайда болгон мүнөз болуп, кайсы бир кезде (тай, кунан кезинде) минүүгө үйрөткөндө, бир себеп менен, же үстүнө салган тердиктин сүйрөлүп өөгүнө түшүп калышы, аркандын учуна кандайдыр бир калдырак-кулдурак илээшип сүйрөлүп чочутушу, себептүү бир үркүп калган, же ээр-токулга ооп өөгүнө түшүп ошондон үркүп калса, же жолдон кокус калдыр-кулдур нерседен бир үркүп калса, ошол бойдон үркүнчөөк мүнөз болуп кала берет. Үркүнчөөк ат жүк алдырбайт, бешик өңөртпөйт, ал тургай, канжыгага да бир нерсе байлатпайт. Жолдон шырп эткен кагаз учса да ойт берип үркөт. Үркүнчөөк атты кары-картаң, бала-чака минүүгө болбойт. Үркүнчөөк аттан жыгылып, кокус бут үзөңгүгө кирип калса, ал адамды ат үркүп сүйрөп майып кылат.
  6. Кашаң. Кээ бир тубаса мүнөздүү чобур аттар болот. Ал үйрөткөндөн тартып, темингенгенди тоотпойт, камчыласа да түзүк баспайт. Мындай камчыласа баспаган унааны «кашаң» атаган. Кашаңга камчы салса куйругун шыйпанып коюп, аз гана ыламдап, кайра эле жай басып калат. Кашаң мүнөздүү ат негизи жоош болот, ким минсе, ким талаадан кармап алса да туруп берет. Ошого кашаң атты «куу токум» атаган. Ал көп минилгендиктен, жону жооруп, кайра улам сакайып жатып, тердик салган жерине ак (куу) жүн чыгып калат. Кашаң ат жолдон кечиктирет. Кашаңды аңга, тоого минүү, араба, сокого чегерүү жумуштарына керектейт.
  7. Ишенчээк. Үйрөткөн кезде жаман үйрөтүлүп калган, аттын болбогур мүнөздүүсү «ишенчээк» аталган. Үйрөткөн кезде, же андан кийин, үй көрүнсө, адам жолукса, анда тура калып үйрөткөндүктөн, же кандайдыр үй сайын кыдырма жумуш айынан минген аты ишенчээк (көнүкү) болуп, үйдү көрсө, ошол жакка ыктап оозун (тизгинин) ала качып, кыңырылып баспай берет, же жолдон адам жолукса тура калма болуп калат. Ишенчээк ат жаман ат катарына кирет да, аргасыздан унаалыкка урунат.
  8. Тиштээк. Кээ бир аттын өзүнчө мүнөзү болуп, канча үйрөткөнгө болбой, ээсинен бөлөк адам жакындаса, кулжуңдап тиш салууга тап берет. Ал балдар жана майда мал жакындап калса, ого бетер тиш салууга чейин барат. Тиштээк ат (айгыр) үйүрүндө да кулун тай тиштөө, жайытта ушак малды кууп тиштөө сыяктуу кыялдарды көрсөтөт. Тиштээк атка чоочун адамдар жакындабайт. Аттын ээси да атынын тиштээгин билген соң чекенеге, мамыга, кермеге аса байлап, бек каңтарып турат.
  9. Тебээк. Жалпы эле жылкынын өзүн коруу куралы тебүү экенин билген сынчылык «атты теппейт дебе, итти каппайт дебе» – деп эскерткен. Бирок, үйрөтүлгөндөн кийин, акылдуу аттар адамды өзгөчө абал болбосо теппейт. Ал кээ бир кыялы бар аттар элебей аркасынан өтүп бара жаткан адам, айбанды тээп салат. Ошого кыргыздар ар качан атты үйдүн жанына, айыл ичине байлабай, атайын чекене байлап, бала-бакыранын ат байлаган жерден сак болуусуна көз салып турат. Тебээк ат жолулаш бара жаткан өзүнөн кийинки атчанды да тоңкочуктап тээп кетүү абалы көрүлөт.
  10. Кужурлуу. Кужурлуу кыялы бар ат бир акырдан башка аттарга чөп жегизбейт. Торбо менен жем жеп жатканда, жакындаган мал-бараанды жапыра кууп, айланасына эч нерсе жолотпой коруйт. Кужурлуу атты жыгып, бутун матап туруп такалабаса, адамды чарпып, тээп майып кылат. Кужурлуу ат ээсинен башкага токутпайт. Кужурлуу ат үзөңгүлөш жанаша бастырып бара жаткан тигил атты да кулжуңдап, чунаңдап кажылап тынчын кетирет.

Экинчи тароо. Саяпкерлик

Ат сынчылык маданиятынын экинчи бөлүгү ат таптоо, эң мурдагы тил менен айтканда, «ат байлоо» өнөрү болуп, кийинки доордо бул атоо жаңыланып, «саяпкерлик» деген сөзгө өткөн. Ошондо, бүркүт-куш таптоо өнөрү да «мүлүшкөрлүк» болуп кошо жаңыланганын эскертүү керек. Саяпкерден мурда, «Ат байлоо» сөзүн колдонгонун Токтогул акын ырастап: «Куш таптаган мүнүшкөр, Ат байлаган саяпкер» – деп ырдаган экен. «Саяпкер» сөзүнүн кийинки киринди экенин миллион сап «Манаста», нече залкар вариантта кезикпегенинен да (Сагымбайда бир гана жолу айтылат) алып көрсөтсө болот. Эң эртеде «ат байлоо» болуп айтылганда, жылкынын жапайы кезиндеги атты байлап, унаалыкка үйрөтүүсү негизги иш болгон, ошого «ат байлоо» атты көндүрүү, колго үйрөтүү деген маанини туюнткан. Чын эле, кийинки кездерде деле, эл ичинде кандайдыр ат чабуу маарекелери болордун алдында, жайыттан атты кармап «ат байлоого» алып, нече айлап атты колго бакканын (таптаганын) алсак, ат байлоо сөзү азыркы «саяпкерлик» сөзүнүн маанисин ээлеп (Токтогул акын айткан: «Ат байлаган саяпкер») келгени көрүнөт. Ал саяпкерлик (ат байлоо) атты күтүү, аттын ишмердүүлүк жөндөмүн өстүрүү, аттын иш сапатын көтөрүү өнөрү, ооба,

«ат таптоо» (бүркүт куш таптоо дегендей) өнөрү болгон. Ал ат таптоочуну «тапкөй» (саяпкер) атаганын: «Айдап келет алыстан, Тапкөй болсо ээси» (М. Кылыч) деп ырдаган экен. Ат таптоо (саяпкерлик) өнөрүнүн зарылдыгын сынчылар: «Саяпкери жарашса, жаман ат байге алат», «Күлүктү табына келтирген – саяпкер, кушту кыраан кылган – мүлүшкөр» деп белгилеп. Аттын табийгы сыны кандай жакшы, жөндөмү канчалык күчтүү болсо да, анын күлүктүгүн, жорголугун, чаалыкпастык, минүүгө байымдуулук жөндөмдөрүн тап аркылуу (таптоо кушту кыраан кылгандай) жетиштирүү керектигин айкын көрсөткөн. Ушул мааниден караганда, саяпкерлик ат сапатын жетиштирүү маданияты болгон десе болот. Ат сапатын өстүрүүдө саяпкерлик мындай өнөрлөрдү күткөн.

1-§. Кармоо

Саяпкерлик өнөрдүн эң эле башкысы, адамга канат болуучу атты жайыттан, үйүр ичинен кармоо өнөрү болгон. Ат кармоо, көбүнчө, жайын жеп семирген кезде, тогуздун айынын он беш жаңысында, кыргыек келүүдөн, 17 тогоолдон мурда кармалат. Кандай эле болбосун, жылкы баласы «качааган», аны эп менен кармоо өзүнчө өнөрдү, ыкманы талап кылган. Саяпкерлик ат кармоонун бир канча ыкмаларын калыпташтырган.

  1. Тосмого солоо. Кайсы бир баш жагы туюк колот, кокту, же жар коосуна үйүрдү анын чатынан (оозунан) айдап кирип, тосмого шыкап, кармайын деген аттын башына атчан туруп укурукту илип кармоо тосмого солоп кармоо ыкмасы деген.
  2. Аркан тосуу. Кыл аркандын эки учун чабендес эки киши атчан кере кармап туруп, тыяктан атайын үйрүп айдап келген кармай турган аттын омуроосунан тосуп, дароо арканды орой тартып кармоону аркан тосуп кармоо ыкымы деген. Аркан тосуу көбүнчө, желедеги атты кармоодо көп колдонулган.
  3. Боолук салуу. Атайын аттын башына сала коймого ылайыкталган илмек жип болуп, ал илмекти укуруктун башына байлап алат да, кармамак болгон атты (жылкыны) үйүрдөн күлүк ат менен сүрө кууп бара жатып жандай жеткенде, же соломого шыкалган жылкы ичинен кармай турган аттын мойнуна иле салып (куштун мойнуна кылтак салгандай) кылтактап кармайт. Ар кандай жылкычыда бирден укурук жана анын боолугу белен болот. «Билим китепте» укурукту: «Кайыңдан кыйып катырган, \ Кабыгы менен жаткырган, \ Кара боолук тактырган» (СО) – деп кайыңдан кабыгы менен как кургатылган укурукту айтса, ал боолук менен азоо кармаганды: «Семиз экен деп туруп, \ Мойнуна боолук бир уруп, \ Азоону кармап алышып» – деп сүрөттөгөн. Боолуктун сабы укурук болгондуктан, кээде укурук салуу деп да айтыла берет.
  4. Чалма салуу. Сөздүн мааниси «арканды мойнуна чалуу» болгон. Моюнга чалууда аркандын учун илмек күрмөп байлап, ага арканды толук өткөрүп, чоң илмек кылып, арканды тегерек түрүп, уч жагын чалмачы кармап туруп, жалгыз качып бара жаткан аттын башына түрүлгөн чалма арканды ыргытканда, анын чоң илмеги барып аттын мойнуна чалынат (илинет). Чалма ыргытуучу учун дароо тартат да, азоо чалмага түшүп кармалат. Чалма ыргытууну жоокерликке колдонгону «Билим китепте» такай айтылып: «Чалма уруучу шыктуусу, \Айбалта чапчу ыктуусу» («Манас») – деп, атайын чалмачы адис жоокер болгонун айтат.
  5. Торболоп кармоо. Колдон жем жеп көнгөн атты

(жылкыны) жайыттан, же желеден кармоодо колдонула турган ыкым болуп, ат торбонун түбүнө арпа салып, же жөн эле бир нерсе салып шыгыратып, кармамак атка карай «кыруу, кыруу!» деп сунса, ат өзү торбого келет. Ошондо атты сылап торбо каткан болуп кармайт.

2-§. Байлоо

Саяпкерлик өнөрдүн бирөө атты байлоо болуп, ат кармалгандан кийин негизи байлоо аркылуу аны табына келтирет. Ошого «ат байлоо» саяпкерлик деген сөздөн алда канча мурда айтылып, ат байлоонун түрдүү ыкымдарын калыпташтырган.

  1. Мамыга байлоо. Ат урунган ар кандай үйдүн алдында бирден мамы бек орнотулган болот. Атты мамыга байлоо аттын чалынып мертинүүсүнөн сактоо, бошонуп кетпестигинен камтама кылбоо жактарын камтыган болот. Кармап, нокто катып келген аттын чылбырын мамыга казыкбооч чалып бек байлайт. Чылбыр боосу ылайыктуу, аса байлап эмес, бирок ат байлалуу туруп жатып албагыдай, бош эмес калыпта байланат. Ал азоо ат болсо, башын мамыга байлоо менен кошо, анын эки кол шыйрагынан күрмөк байлоодо тушап да коёт. Мамыга атты эки түрдүү жагдайда байлайт. Биринчиси, күнүмдүк унаалык атты отко коюудан мурда, бир жакка жөнөөрдөн мурда байлай туруу, экинчи, атты суутуу үчүн байланат.
  2. Казыкка байлоо. Жайлоодо ар кандай үйдүн обочороок жанында (эшиктин алды жагына эмес) ат байлоочу казык кагылган болот. Күнүмдүк унаалыкка урунган атты байлоо, суутуу (таң ашыруу) үчүн казыкка байлоо ажат болот. Мында атайын «ат казык» деген арналуу казыкка байланат. Болбосо, ат сууруп кетет, же учтуу казык болсо, ат чалынса майып кылат. Казыкка байлоодо, ээр токулган ат болушу, тизгинди ээр кашка каңтарып, чылбырды казыкка «казык бооч чалуу» деген байламта менен илмек эмес, чие байланат.
  3. Кермеге байлоо. Киши кара көп келүүчү үй кабак жак тушуна (эшик алдына эмес) эки башына эки мамы орнотуп, ортосуна аркан тартып коёт. Ал «керме» аталат. Кермеге бир нече ат байланат, байлаганда, бир ат менен дагы бир аттын аралыгы бирөөнө бирөө жетпегидей, алмай-телмей байланат. Байлоодо, чылбыр учу казыкбоочтун илмек түрү менен байланып, илмек учунан тартканда бош чечилгидей байланат.
  4. Акырга байлоо. Саяпкерликте «ат байлоо» негизинен акырга байланат. «Акыр» сөзү атка чөп, тоюттук салып жегизе турган, чалма, кам кыштан көтөрүп жасаган оюк секичени билдирет. Акыр там, жар боорлоруна салынат. Атты акырга байлоо, аны тапка, тартипке салуу аракети болуп, жаш кезинен атты акырга байласа, көкүрөк жагы өсөт, эң сапаттуу акыр бийик болуп, аттын көкүрөгүн көтөрүп турат. Ошого эл ичинде, сапаттуу бирөөн «бийик акырдан чөп жеген» деген ылакап айтылат. Акыр чөптү, жемди тартип менен чачпай жешке ыңгайлуу болот. Акырга аса байлангандыктан ат жатаак болбой көнөт. Бул ат таптоонун алгачкы баскычы акырга «ат байлоо» (таптоо) башталганы болгон.
  5. Куюшкандаштыруу. Атчан киши көбүрөөк болуп, ат байлагыдай мамы, казык жок жагдайда, атчандар түшкөн жерде, аттарын айкаштырып, бирөөнүн куюшканынын кошконуна бирөөнүн атын чылбыры менен тыкыс байлап, атты атка байлайт. Мындай байлоону «куюшкандаштырып коюу» деп атайт. Куюшкандаштырууга көнгөн унаалык аттар былк этпей турат. Кээ бирөө айланчыктап, тегеренип, бирок алыс кете албай турат.
  6. Тушоо. Ат байлоонун бир ыкмасы атты тушап байлоо болуп, эки түрдүү жагдайда ат тушайт. Биринчиси, байлап токтотуу үчүн, атты байлай турган башка нерсе болбогон шарт астында, аттын эки колун өз чылбырынын бир учу менен шыйрактарынан чалып алып, учун бир жагына күрмөп байлайт. Ат тизгини ээр кашка каңтарылуу турат да алыска кете албайт. Экинчиси, оттотуу максатында тушалат. Унаалыкка иштетип жаткан атты, оттотуп (түнү) тойгузуу үчүн, белгилүү от жерге аттын эки кол шыйрагынан, кыска жип (тушоо жип) менен эки күрмөк илмек кылып тушап салат. Тушоо аттын басаактык мүнөзүнө жараша, ара тушоо (эки кол аралыгын кеңирээк), жүйүр тушоо (аралыгын тар) ыкмасы менен тушалат. Ат алыска кетпей, жакын аралыкта жүйүр секирип оттой берет.
  7. Чидерлөө. Аттын бутуна чидер салып баймактап коюу байламтасы болуп, унаалыкка иштетилип жаткан атты алыска кетирбей оттотуу үчүн, даяр алып жүргөн чидерди аттын эки колу, бир бутуна салып «үч буттап коюуну» чидерлөө деген. «Чидер» сөзүн «Билим китептин» чечмесинде: «Атты үч буттап тушоо үчүн ылайыкталып кайыштан өрүлүп жасалган тээктүү тушамыш». Коңкулбоз атын жайдактап, \Алтын бурма чидерди \ Алып келип баймактап («Манас») деген. Ал Саякбай манасчы саптарына «чидерди» мындай катыптыр: «Артык тулпар Күрөңдүн, \ Ээрин алып жайдактап, \ Онжоңдогон каранды \ Чидер уруп баймактап», «Белекке берген чоң чидер, \ Ошо тулпарларды баймактап».
  8. Өрөлөө. Ат байлоо ыкмасынын бирөө болуп, өрөлөөнү түшүндүрмө сөздүктө: «Жылкынын алдыңкы бир бутунун баймагы менен арткы бутунун санын бириктирип (оң буту менен оң бутун, сол буту менен сол бутун) байлоо, тушоо». Бош болсо качып кетер деп, Муну койгон тушап өрөөлөп («Саринжи-Бөкөй») деген. Унаалыкка иштетип жаткан, анчейин басаак эмес атты баймактап оттотуу үчүн, өзүнүн нокто чылбыры менен, атты камчыланаар жак колунун каруу жилигине чалып алып, ошол эле жак буттун толорсук үстүнө тарта барып, андан чалып илмек күрмөп байлап койгонду «ат өрөөлөө» дейт. Кээде чылбыр менен эмес, атайын кыска жип менен кол каруу жилик, бут жото жиликтин башына чалып, күрмөп байланат. Ат бир жак капталына кыйрая басып узакка кетпей оттойт.
  9. Аркандоо. Унаалыкка иштетип жаткан, басаак, качаак атты нокто чылбыр учуна аркан улап, же аркандын өзүнүн бир учу менен ноктолоп, бир учун казыкка байлап башынан аркандоо, же аттын эки колун аркандын учу менен тушай байлап, бир учун казыкка байлап бутунан аркандоо ыңгайы менен, аркан бойлото оттотууну «ат аркандоо» деп атайт. Аркандоодо башка нерселерге чалынбай турган, башка бош аттар келип алышпай турган жерге аркандабаса, ат арканга чалынып кырсык табат. Аркандаган атты саар. Кеч сугарып турулат.

3-§. Суутуу

Саяпкерлик өнөрдүн бирөө ат суутуу болуп, атты табында, өз жөндөмүндө, соо алып жүрүүнүн ыкмасы атты суутуу болуп эсептелген зарыл жумуш болгон. Ат суутууну «ат таңашыруу» деп да атайт. Ат суутунан бузулганда, жонунан жоор болуу, бутунан ак баш болуу, кан жуттудан кырчаңгы болуу (канча бакса да семирбөө), унаалык ишке чыдамсыз болуп, тез эле арыктоо, аз гана жүрсө тердеп карашалап жүрө албоо, тез аруу сыяктуу жаман жагына чалат. Ар дайым суутта, эти катырылган ат жеши, иштеши калыптуу болуп гана калбай, абдан чыйрак, сергек жана шайдоот болот. Ат суутуу ыкмалары мындай:

  1. Туушап суутуу. Жаңы эле жайыттан кармалып келген семиз, борпоң атты ошол түнү мамыга байлаган бойдон суутуп, ичин арылтат. Эртеси эрте менен аркандап (акырдан чөпкө) оттотуп, түш оой сугарат. Ошондон ээр токуп минип, секин бастырып «туушайт», туушайт дегени тер чыгарбай бастырып келет, семиз атты тер чыгарса, кан жутту болуп, ич майы (казысы) эрип аттын табы, соолугу бузулат. Семиз атты туушалтуу, түнү суутуу беш күн-түн улантылат. Мында, жайдак суутулат.
  2. Этин кызытып суутуу. Туушалтуу сууту кангандан (беш күндөн) кийин, аттын майы катыккан болот да, этин кызытуу сууту башталат. Түштөн кийин, аркандалып оттоп турган атты токуп минип, катуу жүрүшүнө, анча мынча текирең салдырып (чаппай), аттын этин кызытат, мында тер чыгарууга болбойт, улам аттын мойнун сыйпап туруу керек. Аттын этин кызытканда, эки бээ саам чамасы ээрин албай, каңтара байлап, андан соң оор жатаарга чейин аркандап кургак чөпкө оттотуп, кайра алып келип жайдактап суутат. Этин кызытып суутуу беш күн кайталанат.
  3. Тер чачтырып суутуу. Аркандалып оттоп турган атты бешимде алып келип сугарып, токуп минип, а дегенде текиреңдетип, андан соң акырын чаап жүрүп, мойнуна тер чачканда, кайра секин жүрүшү менен кайтып, жолдон суу ичирбей келип, мамыга ээри менен каңтара байланат. Кечки оттотуу болбойт. Тер чачыраткан күндөн баштап атты ээри менен, же тердигин тартып, жылаңачтабай суутат. Тер чачыратуу сууту беш күн кайталанат. Тер чачыратуу суутундагы атты таң атышы менен тең отко коюлат.
  4. Тер алып суутуу. Тер алып суутуу баскычындагы ат 15 күндүк суут убактын өткөрүп (алдынкы баскычтарын), бир кыйла сууп, майы этине сиңе баштаган, ичи тартылып, тезеги чарчыланган, борпоң эмес убакты болот. Мындай аттан тер алуу бир кыйла аракетке байланыштуу, атты оттоосунан (акырдан, аркандаган жерден) түш маалында алып келип, жакшылап сугарылат. Оонатып, жүндөрүн адыргы менен тарап, кашып, жакшылап токуп, татаал жер жагдайы, жарым күндүк алыскы жолду долбоорлоп, эгерим, көкбөрү тартуу болсо дагы жакшы, ошондойго аябай катуу салып аттан толук тер алынат. Кеч тердеген атты суу ичирбей, тердик, ээрин албай, жылуу таң ашырат (суутат), эртеси таң агарып атуу менен отко коюп, жакшылап тойгузуп, кашып, кайра токуйт да, кара тер алууну улантат.
  5. Сууту кануу. Кырк күндүк суут тартиби менен алып барылгандан кийин, аттын майы этине сиңип, жалы чыңалып, соорусу толуп, эти борпоң көрүнбөй, жүнү жылмайып, эти катканы даана билинет. Ичин тартып калат. Бул көрүнүш аттын сууту канганын байкатат. Андан ары катуу минилсе да, тер оңой чыкпайт, ат упурабайт. Этин таштабайт. Бир калыпта турат.
  6. Демейки суут. Сууту канган атты да күнүгө унаалыкка иштеткенде, демейки сууттан бузса болбойт. Күнүмдүк унаалык аттарды суутуу да атты жакшы тутунуунун алдынкы шарты болот. Түштөн мурда миниле (иштетиле) турган атты эрте менен сугарып минилет. Ат түштөн кийинге чейин тердебесе, үйгө келгенде (иштетилип болгондо), каңтара байлап, эки бээ саам убакыт суутуп, отко коюлат. Ал эми түштөн кийин минилген атты тердегенден кийин суу ичирбей келип, суутуп байлап, жатаарда, азыраак кургак чөпкө отко коюп, андан кийин түн бою суутуп (жаткырбай, аса байлап), эртеси таң менен отко коюлат. Демейки атты суутуу ошол күнкү аттын минилүү убакты, тердөө абалына карап суутулууну көрсөтөт. Ушул демейки суутту байкабай, ат тердегенде суу ичирсе, же суутпай отко коюп, ат өз эркинче жатып алган болсо, жону шишип, кийин жоор болот, жатып алса, бутуна суу түшүп, ак баш оору болуп, буту шишип, ат жабыркайт. Ат суутунан бузулуп, өз жөндөмүнөн айрылат. Айтмакчы, атка күнүгө саяпкерлик керек болуп турат.

4-§. Таптоо

Саяпкерчилик өнөрдүн көп иштетиле турганы, кадыресе саяпкерди тааныта турганы да ат таптоо болуп эсептелет. Ат таптоо «ат суутууга» окшобойт. Суутуу ар кандай унаалык атты суутуп урунса, ал ат таптоо атайын күлүк атты таптап, байгеге, ат чабууга сала турган кесиптик өнөр. Ат таптоонун саяпкерлик өнөрүн ар бир саяпкер таптамак болгон аттын сынына, мүнөзүнө, тукумуна карай белгилеген. Ат таптоо, таптаган аты байгеден чыгып келүү бүт ошол элдин (айылдын) намыс утушу катары каралат. Ал күлүк аты бар адамдын бардыгы эле саяпкер болушу эки тайын, кээ бир ат ээси саяпкерге ажаттуу болот, ошого ат сынчылары: «Күлүктү таптайт саяпкер, сүрөөгө алат талапкер» деген макалды чыгарган. Ат таптоо саяпкердин өнөрүнө таан болгону менен, күлүктү тандоо ат сынчысынын жумушу болуп, сынга толгон күлүктү саяпкерлер таптаган. Ал эми, кээ бир саяпкер да ат сынчылыгын өздөштүргөн болот. Саяпкер атты мындай таптайт.

  1. Жайын жедирүү. Саяпкерлик күлүк атты жазгы ыраңга агытып, канын табийгы оттоо менен толтурууну көзөмөлгө алат. Жайын жедирүү үчүн жайлоого эки ыңгай менен агытылат. Бири, айгыр салып, үйүргө кошуп агытуу ыңгайы, дагы бирөө, субай жылкы тобуна кошуп жайын жедирүү ыңгайы болгон. Мүмкүнчүлүгү барлар субай тобуна кошуп, күлүктүн канын толтурууну жактайт. Күлүктү агыткандан тартып жай-жайлата кармалбайт. Бирок, такай көзөмөлдө болуп, шору кандырылып, туз жалатып турулат.
  2. Күлүктү байлоо. Жайын жеген күлүктү кармап келип, байлоого (таптоого) алат. Борпоң күлүктү, оболу, башка аттар сыяктуу эле сууттан баштайт. Ар бир суут ыңгайы – туушалтуу сууту, этин кызытуу сууту, чачма тер суут жана тер алуу суутарын бүт иштелет (жогоруда төрт ыңгайы айтылды). Окшобогону, ар бир түр суут убакты он күндөн, жалпы кырк күнгө суутат. Күлүк суутуу мындай кылдат иштелет:
  3. Отко коюу. Таң ашырылган күлүктү эрте менен отко коюуда, таң кулан өөктөн өтүп кечиксе болбойт. Отко коюуда күлүктү сары шиленге отко койсо болбойт. Кургак жем, чөп менен багууга туура келет. Күлүк кырк күндүк суут кезинде, ар жолу жарым боодон чөп салынып, бир күндө эки боо чөп менен чектелет.
  4. Оонатуу. Сууткан ат тойгондон кийин, күндүн мурду чачыраган маалда, суунун боюна алып барылып, көк кумга оонатылат. Ат оонаганда, саяпкер көз салып, анын сууту канганын, табына келгенин баамдап турат. Сууту жакшы болсо, ат оонаганда, жонунан чыккан буу асманга чыгат, үч ала салып оонай алат. Ортаал болсо, эки ала салып оонайт. Чымкор жылкы, сууту канбаса, бир гана ала салып, улам бир жак капталы менен жата калып оонап калат. Оонап болгон ат секирип туруп силкинет. Ошондо, шыпыргы менен же тердик менен аттын кулагынан тартып соорусуна дейре шыпырылат.
  5. Сугаруу. Сугарганда, алдынкы он күндө түш-кеч эки ирет сугарылат. Ат оонап, силкинип, тургандан кийин, анан сууга сугарат. Сугарганда, саяпкер көз салат, ат суу жутканда башын көтөрбөй бир жутабы? эки жутабы? же үч жутабы? Эгер кангыдай бир эле жутуп токтосо, анын сууту канып, табында турганы болот. Эки жутса, ортаал абалда экени, ал үч демеп жутса, чымкор ат эсептелип, анчейин табында, күчүндө эмес экенин баамдайт. Чымкор болсо, узакка мингенге, чуркаганга чыдай албайт.
  6. Кашуу. Ат оонатылып, сугарылып болгон соң, адыргы менен таралат, кол менен кашылат, кашууда кулактын түбүнөн тартып, моюндары, жону, соорусу, курсак, такым, толорсукка дейре сыйра кашылат. Маңдайы сыланып, көздүн шоролору аарчылып адамдын кол ысыгы, мээри күлүккө өткөрүлөт.
  7. Жабуулоо. Кырк күндүк суут ичинде, жабуу менен жабуулоо негизинен ошол жердин аба-ырайына байланыштуу болот. Аба суук болсо, түнкүсүн жеңил жабууда жабууланат. Ат тамга байланат. Аба жылуурак болсо, бастырманын ичине байланат. Суук эле болбосо, сууткан ат түнү жылдыз көрүп турганы жакшы. Анткени көп ысык жерде ат жабуу менен туруп калса, ат тердеп камыгып калат. Өтө суук жерде туруп калса, чыйрыгып табы айнып калат.
  8. Үч тер. Кырк күндүк сууту кангандан кийин, ат чабуу, байге болор убакытты кулактап турулат. Эгерим, 20 күндөн артык болуп калса, ат чабууга бул сууту канган атты даярдаганы болот. 20 күндөн аз убакыт калган болсо, атты байгеге салууга таптаганда ат кыйналып калат. Атты «толук» кылып алат. Кийинче ичегилери бүдүр болуп кетет. Мындай болуп калган ат эрте менен сугарганда, сууга канып турса да, суу көрүнсө эле башын сууга салып берет. Байгеге чабыла турган ат байге болордон мурда, атап айтканда 20 күн мурда, күндү үчкө бөлүп тапталат. Үч күндү бирлик кылып, күндө бир жолу, атап айтканда, жалпы үч жолу тер алынат. Тер алуу күлүк таптоонун чоң өнөрү болуп, Токтогул ырчы: «Күндө чыккан күлүккө, \ Саяпкер алган тер кызык» деп ырдагандай, тер алуу атты байгеден чыгаруунун негизи болот.
  • Сасык тер. Байгеге таптай баштагандын алгачкы тер алуусу сасык тер деп аталат. Сасык тер алуу башталганда, кулак түптөн тартып сооруга дейре жабуу ороп жабылат. Ат оор жабуу менен жабууланат. Көкүрөктөрү бүчүлөнүп, курсактары кумтуланып бүт жабылат. Тер алып мингенде, атты катуу чаппай, акырын текерең менен тер алынат. Тер алууда: тизеден өткөрүп, ничке шыйракка дейре тер алынат. Ошол ичке шыйракка дейре тер алынганда, маңдайдан кошо тер чыгат. Ошондо, текши тердептир эсептелет. Текши тердегенин билүүдө, биринчден, артайылды бошото, тердиктинн үстүнө кол сала, жаздыктын астынан тер чыккан чыкпаганына баам салынат. Ошол эки жерден баамдап толук тердептир деп билүүгө болот. Экинчиден, аттын көкүрөк бүчүлүгүн чечип, аттын көкүрөк терин жалап көрүлөт. Жалаганда, туздукка чылаган туз суусундай ачуу учурайт. Бул сасык тер деп аталат. Дароо көк кумга алып барып, жабууну тез алып салып, атты жылаңачтап, көк кумга оонатылат. Андан кийин, жабуусун мурдагыдай жаап, көкүрөк менен курсакты бүчүлөбөй, бир аз шамалдатып, ачык коюп бир азга жетелеп, адам чарчаганда минип алып туушайт. Чамасы эки бээ саам убакыт туушайт. Тери кургап болуп, күн отургандан кийин, жабуусун алып, адыргы менен баштан бойго бир сыйра текши тарап, кашып сергитилип болгон соң, жабуусу оңдоп жабылат да, көз байланган маалда отко коюлат. Жарым боо чөп салынат. Саяпкер ат чөптү кашек ашырабы-жок дегенге баам салат. Кашектеп салса, дагы жумшактап чөп салынат. Жемекей аттар ылдам жеп салат. Чымкор ат болсо, кашек ашырып жей албай берет. Кыскасы чөпкө тойгузулат. Ошондон оор жатар маалда. Жем (арпа, конок) илинет. Жем ченелүү берилет, жемекей атка бир жолунда 3 килограмм берсе болот. Жем тазаланат; ташы терилет; шамалга салынып топо чаңы кетирилет; жемге бир аз кант кошуп койсо болот. Жем жеп болгондон кийин, атты дагы туушайт. Мында, адам жетелеп туушайт, чарчаса минип алып жай бастырат. Убакты оор жатардан таң сүрүлгүчө, бир түн жетелейт. Тактаганда, тоонун башынан чолпон жылдыз көрүнгөнгө дейре жетелейт. Ошондо, ат тердетилбейт, атты жаткызбайт, үркүп кетпөөгө кепилдик этет. Ал үчүн жүгөн салып, тизгин каңтарылып, суулуктун чагарагынан чылбырды өткөзүп бекем кармап жетелөө талап кылынат. Таң сүрүп, чолпон жылдыз көрүнгөндө алып келип, бастырмага бир бээ саам убакыт таң ашыргандай аса байланат. Бели бир аз бошотулат. Чолпон жылдыз көтөрүлгөндө, таң кулан өөк болгондо отко коюлат. Жарым боо чөп салынат. Чөптү күн тийгенче эле жеп болот. Андан кийин, атты сайдагы таза көк кумга жабуусу алып жиберип оонатылат. Жону тазаланылат да, кайра жабуусун жаап сугарылат. Сугаргандан кийин, там же бастырмага болжолу 10 минут асып байланган соң, кайра акырга жарым боо чөп салынат. Чөптү жеп болгондон кийин, жабуунун үстүнөн ээр токуп, акырын минип туушап бастырылат. Убакыт, эртеден түш ооганга дейре бастырылат. Мында, тер алынбайт. Кеч ат дагы сугарылат, оонатылбайт. Сугарып келип отко коюлат. Жарым боо чөп салынат. Чөп жеп болгондон кийин жем илинет, жемин жеп болгондон кийин, алдынкы түнкү аракеттер кайрадан кайталанылат. Үчүнчү күнкү да ошол бир кайталанат. Ошону менен бир үч күн бүтөт.
  • Кара тер. Атты байгеге даярдоо таптоонун төртүнчү күнү болот. Бешимде атты сугарып келип, жарым боо чөптүн жарымын жегизип болгон соң, дагы бир тер алуу башталат. Тер алуудан мурдагы жумуш жана жабуусу мурдагы менен окшош болот. Бул тер каржиликтен ылдыйлап тизеге келип токтой турган тер болот. Бул терде, аттын көкүрөгүн ачып, терин жалап көрүлөт. Алдынкы сасык тер туз даамдалса, бул кара тер туздан сус шор даамдалат. Бул шор даам тер «кара тер» деп аталат. Кара тер алуу аракет, убакыттары сасык тер алган менен окшош алып барылат. Кара тер алынып, үч күн өткөндөн кийин, үч күн эс алдырылат. Эрте-кеч сугаруу, оонатуу, жем илүү, чөп салуу, жабуулоо, кашылоо иштери кадимкидей алып барылат.
  • Жел тер. Байгеге даярдап таптай баштаганына 12-күнгө карай баштаганы, жел тер алуу болот. Тер алуу ыңгайы алдынкы эки тер алуу сыяктуу болот. Ал жел тер каржиликтин өөдөгү башы, күң жиликтин ылдыйкы башы, такым-колтуктун тушуна келтирип тер алынат. Окшобогон жери, аттын көкүрөк терин жалаганда, суу даамына келет, тер калбаган даражага жетет. Суу даамына жетпесе, тер чала калган болот да, уландуу тер алынат. Ошол табына келген мерчемден дагы үч күн өткөндө, кокус байге болоор убакыт узарып калса, дагы бир жолу тер алынат. Анда алына турган тер үчүнчү жолку, жел тер алууга, окшош болот. Тер алган убакты так эсептеп турулат.
  1. Табына жеткендиги. Үч тер алынып, бир жолу тынык алдыруу убакты болуп он эки күн болгондо, саяпкер аттын тезеги, таноосунан чыккан суу (буу), сийдигин, ошондон барып өнө боюн текшерет: Тезеги. Ат ачкараак болуп, кыйналып калса, бир талдан тезек катып түшкөн болот; ат көп тоюп алган болсо, зампалап чычат; аттын жемеги калптуу болсо куймактап чычат. Сийдиги. Демейде аттын сийдиги коюу, сапсары келет, үч жолу тер алгандан кийин, чай салган чайдай саргыч, ары тунук болот. Аттын бок-сийдигине баам салуу үчүн аттын алды таза туруу керек. Таноосу. Таноосунан чыккан сууга (бууга), кол тийгизип көрсө, башка жылкылардыкы ысык учурайт. Табына келген аттын таноосунан чыккан суу (буу) муздак, тунук болот. Бүткөн бою. Саяпкер аттын бүткүл боюн «сейин» абалда көрсө, сейин абалды түшүндүрмө сөздүктө белгилеген: «Күлүк атты таптоо учурундагы тапталып жаткан аттын абалы, ашыкча майынан ажырап, тапка келүүнүн учуру, арыктаган, бирок алы-күчү төмөндөбөй, тескерисинче, толук талаптагыдай чуркоо абалына келген учуру», мисалына: «Семизинен арытып,\ Сейиндейин жаратып («Манас» С.О.) дегенге жетсе, саяпкер күлүктү байгеге кошууга макул болот. Жетпесе, кайрадан таптайт (тер алат).
  2. Ат чабаардын алдында. Эртең ат чабылат деген күнү мындай иштер жасалат: 1. Бешимде тер алынат 2. Аралыкта тер кургатылат 3. Шамда отко коюлат. 4. Артынан жем илинет. 5. Таң атканга дейре жетеленет. Күндөгүдөн (демейдегиден) бир саат мурда кайтып келип, отко коюлат. Отко коюп бир узак суутта байланат 6. Таң кулан өөк болгондо, сайга алып барып оонатылат 7. Ат кашылат, таралат 8. Жабуусу кайра жабууланат. 9. Дагы отко коюлат. Чени жарым боо чөп салынат. 10. Таң агарып калганда, эрте менен дагы бир тер алынат. Бул тер, жел терге окшош даражада болот (Эрте менен бир тер алып койбосо, ат чабылганда көөп кетет). Тер алып болгон соң, отко коюп, жарым боо чөп жегизилет 11. Бастырмага алып чыгып жабуусу алынат. 12. Абдан тарап, кашылат. 13. Соңунда, токуп минип ат чабуу болгон жерге бастырып барылат.
  3. Ат кошоордо. Ат чабылчу жерге баргандан кийин, ары-бери бастырып туушап турат. Ат айдоо маалына келгенде, жасоолдор «ат кош» деп жар чакырат. Атты чабууга кошуу алдында: 1. Дароо кумдуу жер таап ат оонатылып, тарап-кашып болгон соң, ээр алып салынат да, бир гана артайыл менен токум тартып даярдалат. 2. Көкүлү шүйүлөт. Мындай иштөө, көкүл көзүнө тийип кетпестиги үчүн, көкүлүн эки кулактын ортосуна келтирип, типтик кылып кызыл шайы менен бекем ороп шүйүп коюлат. 3. Куйругу түйүлөт. Куйрук эки түрдүү түйүлөт. Бир түрү, токмокчо түйүү (алма түйүү деп да аталат) болуп, мында, куйрукту чогултуп келип бир тегеретип түйүп коюлат. Дагы бир түрү, «чаян түйүү» деп аталат. Куйрук эки бөлүнүп, чач өргөндөй өрүлүп барып учу бекитилет. 4. Ат чабуучу чабандес баланы мингизип, чубоого кошуп коюлат.

5-§. Атты адистештирүү

Саяпкерлик жумуштун бирөө атты керегине жараша адистештирүүгө үйрөтүп алуу болгон. Адистешүү дегени, аттын кайсы бир унаалык ишке маш болгонун көрсөтөт. Аттын түрү, жөндөмүнө жараша аттарды жумушка үйрөтүү аттын адамга шерик, адамга «канат» болуу жөндөмүн ашыргандык болуп эсептелет. Атты адистештирүү кандайдыр атайлап саяпкер машыктыруу жолу менен эмес, ар кандай ат ээси ошол жумушка салуу аркылуу адистештирип чыккан болот. Кыргыздар аттарды мындай адистиктерге үйрөткөн:

  1. Жоокердикке. Жоокердикке минүүчү ат «кууса жете турган, качса кутула турган» жөндөмдөгү ат болуу менен, жоокердик иштерге маш кылып үйрөтөт. Жоокер аты отко, сууга кире ала турган, кан майданда, ээсине ылайыкташып, жоону саярда, чабарда ошого ыктай, ыңгайлай бара турган, жоо найза, чокмор урарда ордун сала берип, ээсин куткаруунун ыгына маш болгон, ээси жыгылса, качпай, ага каралап, жарадар болсо, ошонун жанынан үзүлбөй турган «жан шериктикке» адистешет.

Мындай аттын адистик атагы «жоого минчү ат», «керишке минер ат» аталган.

  1. Байгеге. Байге кыргыз жашоосунда, намыс утуу, кайраттуулук, күчтүүлүктү көрсөтүүчү кезмет катары каралат. Ошого байгеге күлүк даярдоо бардык эле адамдын жумушу катары каралат. Алсак, кезинде Каныкейдин Тайторуну чабышы сыяктуу, байгеге эр-аял, кары-жаш бүт тике турган жумуш болгон. Байгеге кошуучу ат тапка, сейин болууга адистешет. Ат чабууда жолдун уусун, чубоонун жагдайын (кайып кетпей), алды-артында келе жаткан аттарды баамдоо, үстүндөгү баланын башкаруусуна макул болуу, оозун тартса, оозун коё берсе, ошол ык боюнча чуркоого маш болот. Мындай аттын адистик атагы «байгеге чапчу ат» аталган.
  2. Көк бөрүгө. Көк бөрү тартуу (улак тартуу) эр жигиттердин ат үстүндө күч, чабендестик көрсөтүү таймашы болуп, көк бөрү тартууда, минген аты чабендестикке шай келүүгө багынды болот. Көк бөрү тартууга минилген ат күлүк болушу, чубоодо көк бөрүнү алып качканда жеткирбөө, кууса жетип, көкбөрү алып бара жаткан ат жакка ыктоо, жерден эңгенге кыңкая ыңгайлануу, көк бөрүнү такымга, үзөңгү боого басканда үркпөө, кадыресе тегерене аттарды жара, буйтап чуркаганга, ал топ болуп кармалганда, чу дегенде топ бузууга маш болот. Мындай аттын адистик атагы «улакчы ат» (көк бөрүчү ат) аталат.
  3. Эр оодарышка. Ат үстүндө күч таймаштын, чабендестиктин, намыс утуунун бир түрү эр оодарыш болгон. Эр оодарышта ат күчтүү болуу, каршы жакка сүйрөтүп жибербөө жөндөмү болуу менен кошо, аттын оодарышка маш болуусу, ээсинин аракетине ыкымдап туруу алгылыктуу болуп калат. Эр оодарышка маш ат, каршы жактын атына жандай барып, тигини ээси билектен тартканын туюп турат да, колтукка темингенде дароо булкунуп, октос берип сүйрөп жөнөй алат. Маш эмес ат, ээси тигини оодарып келсе да кыюусун өткөрүп, баспай, булкунбай туруп өксүтөт. Оодарышуу аракетине маш аттын адистик атагы «оодарышка тың аты» аталган.
  4. Жүккө. Аттын өндүрүшкө керектөөсүнүн бирөө, ага жүк жүктөө болуп, жылкычылык турмушта, аңчылык эмгекте атка жүк артуу болгон. Ат ар кандай жүктөгөн жүктөн үркпөй, жүк артып жатканда ойдолоктобой, жетелегенге ыроо басууга маш болуусу керек. Мындай калбаат аттын адистик атагы «жүк аты» аталган.
  5. Арабага. Араба, чийнеге аттарды катып, жүк ташуунун тарыхы кыска эмес. Арабанын шатысына, чоймосуна ылайыктуу аттар тандалып, ошол жумушка маш, кадыресе, тизгин чоймонун ыгына жараша жол жүргөн, ал тургай арабаны айдоонун «тилин» билип, токто, жүр деген кесиптик сөздөрдү түшүнгөн. Кээде жолго салып койсо, айдоочусу жок да аттар арабалар чубоосунда баса бергенге маш болгон. Мындай аттардын адистик атагы «арабанын аты» аталган.
  6. Сокого. Илгери буурсун, андан кийинки кездерде соко менен жер оодарып, эгин эгүү болгон. Ушул өндүрүшкө сокого чегерсе, айдоочунун тилин түшүнүп, тап бойлоп соко сүйрөп, имерилүүнү ийкемдүү алып жүрүүгө маш аттар болгон. Сокого маш аттардын адистик атагы «сокочу аттар» аталган.

Жогоркулар сыңары кандай унаалыкка керектесе, аттар ошол адистике маш болуп, аттар адам жашоосуна ыңгайлуулук жараткан. Ал тургай, тоого минчү, сууга минчү, өйдөгө, ылдыйга минчү ат деген атайын ошол жумуштун адис аттары болгон.

6-§. Ат минүү

 Ат сынчылык маданиятында, анын ичинде саяпкерликте ат минүүнүн өзүнчө салты, каадалары калыптанган. Ат минүүнү кыргыздар эркек балага 5 жашында атайын «Тайга мингизүү» аземин өткөрүп, атка минүүнүн каадалуулугун белгилеген. Ал атка минүү кыргыз салтында, «адамдык жолго түшүү» деген көмүскө түшүнүктү да камтып жүргөн. «Ат жалын кармап минүү», белгилүү жумушка «аттануу» (баштоо), «тизгинди колго алуу» (мансап кармоо) сыяктуу маанилер ат минүүнүн олуттуу, каадалуу экенин ырастап турат. Ат минүү (унаалыкка иштетүү) каадалары: токуу, сыягы, каадасы, жасалга, асыроо сыяктууларды камтыйт.

  1. Токуу. Атты минүүгө (унаалыкка колдонууга) камдануунун биринчи баскычы атты токуу болуп, ат токуу ат минүү маданиятынын белгиси катары каралган. Кыргызда ээр-токулга аталган ат минүү жабдыктарына өтө маани берген. Падышалар тактысын алтындан жасатканга окшош, кыргыздын ат токуу маданияты ээрди (ат жабдыктарын) алтындан, күмүштөн жасатып минүүгө жетишкенин «Билим китепте» мындай айтыптыр: «Алтын ээр, сырдуу каш, \ Көмкөрө ээр бетинде, \ Көрчөгөсү көөхар таш» (СО). Ал саяпкер ат минүү каадасын: «Алтын ээр ак кабак, атка жайы болбосо, алтынын алып отко жак», «Аттан айрылсаң айрыл, ээр-токумдан айрылба», «Ат тапкыча, ээр тап», «Ат сураган кордук эмес, ээр токум сураган кордук» – деп, ээр токулганын наркы жогорулугун макал каадасына көтөрүп белгилептир. Ат минүү маданиятында, аттын сапаты канча жогору болсо, ээртокулгасы да ошончо нарктуу болуп, адамдар атка карап ээр-токулга наркын, ээр-токулга карап аттын наркын айттырбай билүүгө жетишиптир. Ат токуу жабдыктары: ээр, ичмек, тердик (токум), көмөлдүрүк, куюшкан, жүгөн, нокто, чылбыр, тизгин, камчы, ат жабуу (шалча, тикек), үртүк, көпчүк (көрпөчө) сыяктуулар болгон. Ат токууда жогору катмардагы адамдардын арналуу «ат токуур» аталган адамы болгон. Ал эми кыздардын атын агалары, эне-атанын атын балдары токуган. Ошого, кыргыздар «уулуң барбы?» дегендин сылыктамасын «ат токууруң барбы?» деген маданий сөз менен туюнткан. Ээр-токулга дегендер булар болгон:
  • Ээр. Кыргыздын жөрөлгөлүү, өздөрү жыгачтан чапкан, аны шутурдун (төөнүн) териси менен каптап (чаптап, мыктап), атка токуп минүүчү ат жабдыгынын башкысы ээр аталган. Ээрди жергиликтүү айтымда «эгер» деп да айтат. Ээрдин түрлөрү (кичинесинен баштаганда): айырмач, ыңырчак, куш баш ээр, каптама ээр, каңкы (ак каңкы, ай каңкы) ээр сыяктуулар болгон. Ээр тутум (туюк) боюнча жыгачтан чабылган менен, анын ар бир орду айрым айтылып: ээр кашы, ээр капталы, ээр чарасы, ээр актасы, ээр каптамасы деген бөлүктөр боюнча аталган. Каш. Ээр кашы ээрдин түрүнө жараша жасалып (куш баш, каңкы), ага тизгин, чылбыр илет, адамдын табарсык жагына калка, алдына өбөк болот; Каптал. Ээрдин эки капталына үзөңгү тагылат, каптырга (жааз) басылат, ээр капталынын эки арка учуна куткун орнотуп, куюшкандын эки учу байланат, канжыга каргысы бекитилип, канжыга боо тагылат, астынкы эки учуна куткун орнотулуп, көмөлдөрүк учтары бекитилет; Чара. Ээрдин чарасы көчүк коюуга эпкейленип, тегерекей, кайкы келип, көчүккө тээк, белге жөлөк болот, чаранын алды көбөлүнө канжыгалык бөктөргө байланат; Акта. Ээр актасы ээрдин «коңулу» деп да аталат. Ээрди чалкасынан койгондо коо болуп турган жери, ал тердиктин үстүндө, аттын жонун коомайлап, арка сөөктөрүн ээрге түз тийгизбей коомай кармап турат. Каңкы ээр. Каңкы ээрди түшүндүрмө сөздүктө: «Ээрдин өзүнчө түрү – алдыңкы жагы жазы жана тегерек формада болуп, анын бети оюу-чийүү, күмүш ж.б. асыл заттар менен кооздолот» – деп чечмелегендей, ээрдин кашы куш баш ээрге окшобой, жазы, тегерек эңкер каш болот, ошого аны кээде эңкер каш ээр деп да атайт. Каңкынын курамы башка ээрлерге окшош болот. Каңкы ээрдин Айкаңкы жана Аккаңкы деген эки түрү колдонулган (Алманбет кылган Айкаңкы «Семетей» СК). «Билим китепте» Аккаңкы баатыр Манаска арналган ээр катары, аны алтын, күмүш менен чылк жасалгалаган (хан тактына окшош), атка токуса, ээр болуп, ал аттан алса, башка жазданып уктай турган жөндөмдүү ээр экенин Саякбай манасчы: «Аккаңкыны жазданып, \ Булгары тердик, көк токум, \ Жамбашына салыптыр. \ Жумган көзү ачылбай, \ Сунган буту тартылбай, \ Адамдан бөлөк арстан эр, \ Алп уйкуну салды эле» – деп айтыптыр. Каңкы ээр кыргыз ат минүү маданиятында жетишкен ээрдин эң көркөмү, минүүгө эптүүсү болуп, эл башы, баатырлар каңкы ээр токутуп минишкен. Куш баш ээр. Ээрдин башын өзүнчө куштун башындай койкойтуп, бирок каш чыгарып, кашынын бертигине мүйүз көчөттү борумдап ачакейлеп жасалган ээр болуп, куш баш ээрдин кашына тизгин, чылбыр илүү, эр оодарышта ээр кашка билекти тээктеп басуу сыяктуу көптөгөн иштерге керектелген. Демейки адамдар жалпы куш баш ээрди урунган. Болуп да ургаачылар куш баш ээр токунганын «Билим китепте» мындай айткан: «Аккан суунун бойунда, \ Агарып чатыр көрүнөт. \ Асманда түтүн бөлүнөт, \ Абайлап байкап карасам, \ Ак абайы ат Буштан, \Айалдын аты көрүнөт. \ Кызыл-тазыл куш баш ээр, \ Кыздын аты көрүнөт» («Семетей» ЖМ). Каптама ээр. Ээрдин кашынан тартып, кишилигине чейин, капталдарын жаба булгаары менен каптап жасалган ээр каптама ээр деп аталат. Каптама ээрди дөөлөтмөндөр, мырзалар урунган. Айырмач. Бала ээр айырмач аталат. Айырмачтын кашы жана арка жөлөнчүгү окшош эки жыгачтын башын кошуп, айры (ачакей) чыгарып, аны капталдык жыгачка бекитип койгон, атайын акта чыгарбаган, кебетеси ыңырчакка окшош бала минүүчү ээр болгон. Ага үзөңгү бекитилбейт, куюшкан, көмөлдөрүк кетпейт, айырмач үстүнө кичине көпчүк (көрпөчө) салып, артайылды (басмайылды) бекем тартып токуйт.
  • Ыңырчак. Унаага жүк артуучу ээр болуп, жыгачтан жасалган, арка-алды кашы эки жыгачтын башын кошуп байлап, башын айры жана жонойул чыгарган, каш түбүн капталдыгына бекитип жасалган ээр ыңырчак аталат. Ыңырчак кашынын кебетесине карай, айры ыңырчак жана ийме ыңырчак деген эки түрү урунулган. Ыңырчак атка (жүк атка), өгүзгө, эшекке жүк жүктөө үчүн колдонулган ээрдин бөтөнчө түрү эсептелет. Ыңырчак боюнча сынчылар: «Ыңырчагы ырдагандын, келини (керегеси) кердейт», «Ыңырчакта – сыр жок, кыңаракта – кын жок» болот деп тыянактаган.

Ээр тыйымы. Ээрдин өзүн минип камчыланбайт; ээрди боз үйдүн эр жак капшытынын улага жагына, ээр кашын коломто жакка каратып коёт, тетири койсо, ээрдин ээси өтүп кеткендик белги болуп калат.

  • Тердик. Ат жабдуусунун бирөө тердик болуп, кээ бир айтымдарда «токум» атайт. Тердиктин ичи жана тышы болуп эки кат жасалган, аттын жонуна ылайыкталып, ээрдин алдына, ичмектин үстүнө салына турган, ээр төшөнчүсү эсептелет. Тердиктин тышынын эмнеден жасоосуна карай, кийиз тердик, сайма тердик жана кайыш тердик деген түрлөрү болот. Кийиз тердик. Тердиктин тышын кара кийизден тыштап жасалган болуп, мындай тердик өндүрүшкө, жөнчүлүктө керектелет. Таар тердик. Тердиктин тышына атайлап согулган кара терме, кажары таарларды тыштаган болуп, ал ошол таарлардын көчөттөрү менен кооздолгон тердикти таар тердик атайт. Таар тердикти жигиттер токунуп жүрүүгө ылайык келген. Сайма тердик. Тердиктин тышы кийизден болуп, анын төрт бурчуна көчөт саймалаган тердик саймалуу тердик аталат. Саймалуу тердик кыз-келиндин атына көбүрөөк керектелет. Кайыш тердик. Ичине кийиз иштеп, тышына кайыш (булгаары) каптаган тердик болуп, кайыш тердиктин төрт бурчуна күмүш көрчөгөлөрдү коюп күмүш менен жасалгалаган тердик кайыш тердик (токум), же күмүш тердик аталган. Кайыш (булгаары) тердик барктуу, баалуу болуп, кызды күйөөгө узатканда себи катары атына токуп берилет. Ал эми дөөлөтмөндөр, жогору катмардагы адамдар кайыш (күмүш) тердик урунат. Тердик (токум) бычымына карай, тегерек тердик (арка тарабы тегерек бычылат), чарчы тердик (чарчылап бычылган), аркалык тердик сыяктуу нускалары болот. Токунган тердигинин кандайлыгына карай ат минген адамдын каадасы, сөөлөттүүлүгү билинет.
  • Ичмек. Тердиктин (токумдун) астына, аттын жонуна жабыштыра салынган, токулганын эң ичкиси болгондуктан, «ичмек» аталган. Ичмекти кийизден карманат. Ичмектин четтери тердиктен чыгып калбагыдай, тердиктен кичирээк болот. Ичмек дайыма жууп, ушаланып, жумшакталып турса, аттын жону, тердик таза турат. Дагы келип, ээрдин капталы ат жонуна өтүп кетпейт.
  • Желдик. Ээрдин эки капталынын энине чак, ага каптыра жастаган, ичине кийизден каттап шырыган, тышына кайыш тыштаган, ээр капталдык каптырма желдик аталат. Желдикти жергиликтүү айтымдарда «жааз», «кап тырга» деп да атайт. Желдик ээрдин капталы ат жонуна матырылып кетпестиги, ээрди алды артына жылып кетпестигин омоктонтуп турат. Эки каптал желдикти кайыш буугуч менен шалаң туташтырып коёт. Желдик ээр токуганда, анын капталына каптырылып коюлат, ал ээрди алып, ат жабуу, тердик менен ат байлаганда алардын үстүнө желдик коюлуп артайыл (басмайыл) менен тартып койсо, аттын сээрин кыйып кетпейт.
  • Үртүк. Атты чүмкөй жабуулай турган ат жабуу «үртүк» аталат. Үртүктүн түрлөрү көп болгон. Жоокерлик үртүк. Жоокерликте атка ок, жебе өтпөс үчүн жасалган үртүк, баатырлардын олпогуна окшош ичилиги менен тышынын ортосуна темир торко коюп, темир эгендисин таакы жүн, булаага ширетип уютуп, тышын кайыш менен тыштап шырып жасаган. Ал аттын кулагынан тартып, аттын тизесине чейин кумтулаган. Кумтулоодо көкүрөк жагынан «үпчүлүк», «бүчүлүк» деген түймөлөр менен бүчүлөп, чечүүгө, жабууга эптүү кылган. Жоокерлик үртүккө ок өтпөй эле калбай, кадыресе, суук, суу өтпөс жасалган, аны «Билим китепте»: «Бороонду күнү суук өтпөс, \Жаандуу күнү суу өтпөс» (СО) деп айткан. Абайы үртүк. Сыпта уютулган кийизден, баркыт сыяктуу баалуу кездемеден атка чүмкөй жабуулоочу жарашык ат жабуу «абайы үртүк» аталган. Абайы үртүктү аземге минилген аргымак, күлүк аттарга жаап, ага үкү тагып, көздөн, сөздөн далдалап, дагы өзүнчө сөөлөт көрсөтүп жабуулап чыккан. Ал «Билим китепте»: «Алты кежим абайы, \ Аргымакка жаптырды» (СО) болуп айтылган. Абайынын четтери жээктелип, ага «кежим» аталган чачык тагып кооздогон. Жебилгелүү үртүк. Үртүктүн бул түрү абдан кооз жасалган ат жабуу болуп, сыпта бышырылган ак кийизден, башайы аталган баалуу жибек кездемеден жасалып, ал жээктелип, жээк четине «жебилге» аталган тор чачык (боз үйдүн төтөгө этегиндеги сыңары) кармалган. Ал «Билим китепте»: «Жебилгеси жер чийип, \Жекесаны баш жарып» (СО) деген саптарда баяндалып, жебилгелүү үртүктү атка жапканда, «жебилге» чачыктын асты жер чийип турарын, ал моюнга илип койгон «жекесан» аталган коңгуроо тизе тийген сайын заңылдап (баш жарып) шааны көрсөтүп турганын сүрөттөгөн. Туй үртүк. Атты бүт чүмкөй жабуулай турган туюк үртүк болуп, шамалдуу, бороондуу күнү аттын көзүнө «серепче» тагып, туй үртүктү маңдайынан тартып толук жабуулаган, дагы атты жер астына, далдага байлаганда, суутканда туй үртүктү керектеген. Мындай караңгы, далдага ат бактыруу «Билим китепте»: «Тай чагында келгенде, \ Башына үкү тактырган, \ Караңгы жерде бактырган. \ Сынчы сынап жактырган, \ Абайы жабуу жаптырган. \ Мага энчилүү Буурул ат» («Семетей» СК) деген саптарда сакталып жеткен. Жолборс үртүк. Жолборстун терисинен атайлап жасалган ат жабууну жолборс үртүк атаган. Жолборс үртүк жабуулаган атты сөөлөткө, бөтөн элге аземге катышууга барганда, кадыресе өтө кадырлуу адамдар менен достошкондо, жолборс үртүк жаптырып, күмүш ээр токулгасы менен достукка тартуулаган. Жолборс үртүк жана анын жарашыктуу токулгасын «Билим китепте» Сагымбай манасчы Каныкей кырк чорону аземге катышууга окшош тон кийгизип, окшош ат мингизип жөнөткөнүн: «Кырк чорого кырк бедөө, \ Кыйладан бери бактырган, \ Соорусуна баарынын, Жолборс үртүк жаптырган, \ Дилде жүгөн каттырган, \ Куранды ээр токутуп, \ Кундуз көрпө тарттырып, \ Мамык жастык арттырып, \ Басмайылды үчтөн тарттырып» – деп айткан. Бул баян кыргыз ат минүү маданиятын, эл аралык аземге катышууда атты жарашыктуу минүү, сөөлөттүү минүүнүн үлгүсүн көрсөтүп турат. Ал «Билим китепте» достукка, чын пейилдикке жолборс үртүк ат тартуулаганын: «Жетелеп чыккан аты жок, \ Же жолборстон үртүк жаптырып» (ЖМ) деген саптар менен туюнткан.
  • Оромо. Ат жабуунун бир түрү болуп, демейде, ат суутуп, ат таптаган кезде, аттан тер алуу үчүн кийизден ичтеп, таардан тыштап үртүк сыягында жасалган ат жабуу болуп, аттын мойнунан баштап, куйрукка чейин, ал буттарына тизеге чейин жабуулап коёт. «Оромо» орогон ат түйшөлтүп жетелесе да, минип бастырса да тердеп турат. Оромо жабуунун орой турган жери көкүрөк жагы болуп, минер жак капталга жабуунун учун орой келип бүчүлөйт. Ошого оромо атаган.
  • Жалпооч. Кездемеден жалаң ат жабуу жасап, аны үртүк, абайы, оромо жабуулардын ичинен жаап, ат терин ошол жалпоочко сиңдирип, ат жонун, ат жабууларды таза кармоого жалпооч аталган жабууну керектеген. Жалпоочту шейшеп катары утуру жууп керектөөгө эптүү болгон.
  • Тикек. Төөнүн жүнүнөн пиязы согуп, ошол пиязы таардан тикек жасайт. Тикек аттын жалынан соорусуна чейин жаап тура турган, бир жагы ат жабуу, бир жагы ат жасалгасы (ат чепкени) катары керектелет. Тикектин ичине атайын уютулган жука кийиз ичтелип, тышына пиязы таар тыштап жасалгандыктан, ал кышындасы жылуу болуп, негизи ат соорусун жаап турма жабуу, ат жасалгасы болуп эсептелет. Тикектин бычымы аттын соорусуна тегерекей, көмкөрүлө жабылгыдай, чычаңга ашташтыра оюк коюп жасалат. Тикектин четине энсиз терме таар кармалып, анын четине кыска чачык төгүлүп, кооздолот. Атка тикек салуу ат минүү маданиятынын белгиси катары көрүнөт.
  • Шалча. Ээр-токулга жарашыгы, ат жабуусунун бир түрү болуп эсептелет. Шалча жүн жиптен согулган таар болуп, сыйдам жөн согулганы жерге сала турган шалча шырдак аталат. Ал эми кажары түрүндө согулуп, атайын ат жабуу үчүн колдонулган түрү шалча аталган. Ат шалчасы, көбүнчө, жай, күз атка салынат (тикек кыш салынат). Кажары шалчага кажары көчөттөрү түшүрүлүп, чети баркыт менен кыйылат да, кызыл-тазыл көрктүү болот. Шалчаны ат жалынан соорусуна чейин түз салат, кажарынын ички бетине жиби калкып тургандыктан, ал аттын жүнүнө жабышып, жылмышпай турат. Шалчаны дөөлөтмөн, сөөлөтмөндөр, жигиттер такай атка салып минет.
  • Жүгөн. Аттын башына салып, атты минүүдө башкаруу үчүн колдоно турган ат жабдыгынын бирөө жүгөн аталат. Жүгөндүн негизги курамы: жаактык (төбөдөн эки жаакка түшкөн бөлүгү); көкүлдүрүк (көкүл басары); тумшуктук (тумшукка туура тарткан); сагалдырык (ээктемеси); суулук (жаактык менен ооздукту туташтырган жери), суулукту кээде «жылоо» деп да атайт; ооздук «ооздурук» деп да айтылат, тизгин, чылбыр сыяктуу бөлүктөрдөн куралат. Жүгөн жасалуу ыңгайына карай төрт чоң топко, бир нече түргө бөлүнөт. Күмүш жүгөн. Жүгөндүн жаактыгына күмүш кадаган, чөгөргөн жүгөндөрдү күмүш жүгөн атаган. Күмүш жүгөн түрлөрү (жүгөндүн түрлөрүнүн жергиликтүү аталыштары Жээнбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнөн» алынды): Жабдык жүгөн. Жолборс, илбирс ж.б. сүрөттөрү түшүрүлүп, ар кыл орнаменттер чөгөрүлүп, күмүштөлгөн кооз жүгөн; Күрсө жүгөн. Жүгөндүн эки жаагына коюлуучу дөңсөө сымал тоголок тегерек кооздук; Аргымак оозун чойдурган, \ Алтындан күрсө койдурган, \ Ондон күрсө жүгөн алып келдиви; Күмбөл жүгөн. сүз. жүгөнгө күмбөл бастырылган күмүш жүгөн; күмбөл бастырылган жүгөн эде; 2. Кайыш жүгөн. Өрбөй, ийленген кайышты тилип жалаң, же каттап кайыган жүгөндөр, кайыш жүгөн түрлөрү: Кайыш жүгөн ыск., жжол. жөн гана кайыштан эч кооздолбой эле жөнөкөй жасалган жүгөн; Жалпак жүгөн. ыск. жаак-тумшугу, көкүл бастыргычы жалпак келген жүгөн; Кайма жүгөн. өзг. жаак-тумшугуна майда-майда тегерек того чөгөрүлүп, кайышы эки ийнелеп тигилген жүгөн; Кайык жүгөн пам. кайып туруп тигилген жүгөн, бизде кош кайык, үч кайык жүгөндөр болот; Тасмадос жүгөн. жерг. жүгөндүн бир түрү; жүгөндүн кош кайык, уч кайык, тасмадос деген түрлөрү болот; Тикме жүгөн ичине кайыш салып тигилген жүгөн; 3. Өрмө жүгөн. Ийленген кайышты көк кылып тилип, ичине өзөк коюп өргөн жүгөндөр тобун өрмө жүгөндөр деп атаган. Өрүлгөн көгүнө карай, беш өрүм жүгөн, жети өрүм жүгөн, тогуз өрүм жүгөн ж.б. айтылат. Жүгөндү өргөндө койгон өзөгүнө карай, төрт кырлуу, үч кырлуу, жалпак форум чыгарып өргөн. Өрмө жүгөн түрлөрү: Нокору (нокону) жүгөн. өзг. он алты өрүмдөн жасалган жүгөн; нокору өрүп атат; Ноокар жүгөн. ыск. төрт кыр кылып өрүлгөн жүгөндүн түрү; ноокар, беш кашка, терме жүгөндөрдү өрөмүн. 4. Жип түймө жүгөн. Атайын топоздун чупур жүнү, же жылкынын жал куйрук жүнүнөн жип эшип, аны сызмалап сызып, мерчем бөлүктөрүн түйүп жасаган жүгөн түймө жүгөн аталган. Беш того жүгөн пам. ооздуктун эки жагынан кош того коюлуп, эки жагына тең кош кайыш чылбыр тагылган жүгөн. Элдик түшүнүктө жүгөнгө тагылып, ат минүүнү башкаруучу тизгин, чылбыр «укук» маанисине өтүп, «Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте» деген макал чыккан, ал кадыресе «тизгиндөө» жаңы сөз маанисин чыгарган.

Жүгөн тыйымы. Ат сатканда, ага катылган жүгөндү алып калат; Ат үстүндөгү кишини демейде жылоолобойт, азага келе жаткан болсо, куда-сөөгү атын жылоолоп келип жөлөп түшүрүп алат; Жолго аттанган эр кишини ургаачы киши, аялы жылоодон албайт. Ал жолун торогон, жолу шыдыр болууну каалабаган жорук болот.

  • Нокто. Жүгөн сыяктуу, бирок ооздугу жок, тизгини жок, чылбыр тагып колдонулуучу ат жабдык, кадыресе, ар кандай айбандын башына катып жетелөө, байлоо үчүн жасалган жабдык нокто аталат. Ат ноктону, көбүнчө, жиптен, кайыштан жасайт. Демейде, нокто атты акырга байлаганда, отко койгондо керектелет. Көбүнчө, жүгөндүн алдына кошор катылып, чылбыр ноктого, тизгин жүгөнгө тагылып турат. Жип нокто. Аркандын жоондугунда атайын жип эшип, чыйратып, ана ноктонун ар бир бөлүктөрүнө келтирип түйүп нокто жасайт. Ал кээ бир ноктону ичке эшилген жиптен нече каттап, нокто түйөт. Ал сызмалап нокто жасагандар да болот. Ноктонун ээктигине чылбыр байлооч илмек койот. Кайыш нокто. Ийленген кайыштан белгилүү энде тасма тилип, ал тасмага көкүлдүрүк, сагалдырык, тумшуктук бекитип, ээгине чылбыр байлагыч илмек чыгарып жасайт. Кээде нокто жаактыгына кайышты каттап четтерин шырып бышыктап жасайт. Ноктонун «башты кармоо» өзгөчөлүгөнө карай, башкарып, кебин ээрчитип алганды «ноктолоп» алды деген өтмө мааниде колдонулат.
  • Көмөлдүрүк. Ээрдин өйдөдө артына жылып кетпестиги үчүн, аттын омуроосунан тартып, айрык учун ээрдин алдынкы эки капталындагы куткунга тоголоп коёт, ал тогосунун тили аркылуу узартып, кыскартууга эптүү кылынган, ал олоң жак учун басмайылдын олоңуна өткөрүп койгон, ат төшүнө тарткан ача тасманы «көмөлдүрүк» аталат. Көмөлдүрүк кээ бир жергиликтүү айтымда «төлөйкө» деп айтылат. Көмөлдүрүктү кураган үч тасма омуроо кумпасы менен кошулат. Көмөлдүрүк жасалган материалына карай: жип көмөлдүрүк, кайыш көмөлдүрүк, күмүш көмөлдүрүк деген түрлөрү болот. Жип көмөлдүрүк. Жип көмөлдүрүк топоздун чупур (кыл) жүнүнөн ичке эшип, аны сызма сыяктуу белгилүү энде жалпактап сызып жасап, эки учун кайыш менен учтап, того бекитип, ээрге туташтырат. Жип көмөлдүрүк, көбүнчө, өндүрүш аттарга тагылат. Кайыш көмөлдүрүк. Ийленген кайыштан белгилүү энде тилип, үч тасма кайышты чагарак, того менен ээрге туташтырат. Күмүш көмөлдүрүк. Кайыштан көк тилип, ортосуна жумуру өзөк коюп жалпактап өрүлгөн, же кайыштан жалпак каттап шырылган көмөлдүрүк болуп, кумпасына, тоголоруна күмүш кадайт. Ал тургай омуроодогу үч кошкон кумпасына делбирөөч күмүш, жылаажын, жекесан сыяктуу коңгуроолорду таккан ашеметтүү көмөлдүрүк күмүш көмөлдүрүк аталат. Күмүш көмөлдүрүк жасалгасы күмүштөн болгон ээр токулгалуу аттарга жараштырып тагылат.
  • Куюшкан. Ээрди эңкүүдө алдыга жылдырбоо үчүн, ортосу аттын чычаңына илинип, эки учу ээрдин арткы куткунуна тоголору менен туташтырган ат жабдуусу куюшкан аталат. Куюшканды того тилдери аркылуу узартып-кыскартууга эптүү жасалат. Куюшкандын эшекке салган түрү «шалаң», көчүгүнө такала турган туура жыгачы «гиди» аталат. Куюшкан жасалган материалына жараша, жип куюшкан, кайыш куюшкан, күмүш куюшкан деген түрлөрү болот. Жип куюшкан. Жипти адыраңкай ийрип, аны бышык чыйратып, эки четине жумуру өзөк салып, ортосун коо чыгарып ычкыр өрүмүндө (камчы өрүмү эмес) өрүп, куяңга (чычаңга) келген жерин өрбөй аттатып кетип, ал жерине кийизди жумурулай кайып, куюшкандык чыгарып жасалат. Ал куюшкандын кошкону соорудан айкалыштырып көктөлөт (туташтырылат). Эки учу бапик чыгарылып, ээр куткунундагы чагарактарга илмек байланат, керек болсо, узартып-кыскартып байлоого болот. Жип куюшкан өндүрүш аттарына салынат. Кайыш куюшкан. Ийленген кайышты белгилүү чендеги эн боюнча тилип, куюшкандыгын жумурулап кайып, ага кийизди жумурулап көктөп жасалат. Куюшкандын кошконуна кумпа бекитип, чагарактар менен кошуп, эки учун тоголоп, аны ээрдин капталдык арка башындагы куткундагы чагаракка өткөрүп бекитет. Кайыш куюшкан демейдеги унаалык аттарга салынат.

Күмүш куюшкан. Кайыш куюшкандын, же кайыштан өрүлгөн куюшкандын кумпасы, ага салаңдатып жасалгалаган үшкүндөрү, того, чагарактары күмүштөн, же күмүш жапкан темирден болгон куюшкандар күмүш куюшкан аталган. Күмүш куюшкан күмүш ээр токулгага жараштырылып салынат. Көбүнчө, кыздардын себине, дөөлөтмөндөрдүн ээр токулгасына салынат. Куюшканды оомат катары жоруган мааниси да бар. «Куюшканы кыңырайыптыр» дегени, ооматы кеткени, кадырлуу орундан тайыганы деген түшүнүккө жоруйт. Ал эми жөлөк-таяктууну «куюшканы калың, куюшканы бекем» деген сөз айкаштары менен туюнткан. Эл акылмандуулугунда «Чындыктын куюшканы кабат» деген түшүнүк макалына кирген.

  • Үзөңгү. Ат минүү маданиятындагы ат жабдууларынын бирөө үзөңгү болуп, ал ээрдин эки капталындагы көзөөсүнө бекитилген, атка тээп мине турган «тепкичи» болуп эсептелет. Үзөңгү чара, боо, моюн, таман бөлүктөрдөн куралат. Үзөңгү чарасы бүткүл үзөңгүнүн бут сала турган көзөнөгү үзөңгү чарасы аталат. Үзөңгү чарасы эртеде теке мүйүздөн ийип жасалган, кийин темирден жасалып, тамандап, таманын көрчөгөлөп жасай турган болгон. Үзөңгү боо жумшак ийленген кайыштан каттап, үзөңгү көзүнөн өткөрүп, ээр үзөңгүлүк тешигинен илип алып, үзөңгү боо тогосуна тогоп, узартып-кыскартып алууга тогосу эптүү жасалган. Үзөңгү таманы чаранын түбүнө бир аз уч калтырып, туурасынан бекитилген темир тээк болуп, кээ бирөөнүн (күмүш үзөңгүнүн) тээк капталын касабалап (панжыралап), касабасына ийрек чыгарып, аны көрчөгөлөп жарашыктуу чыгарат. Үзөңгү тээп мингени ошол таманды тээп минген болот. Үзөңгү моюну чарасы менен кошо чыгарылган, мүрүчө кебетедеги көзөөсү болуп, ага үзөңгү боо өткөрүлөт. Үзөңгү түрү. Үзөңгүнүн эмнеден жасалышына карай, жип үзөңгү, мүйүз үзөңгү, темир үзөңгү, күмүш үзөңгү болгон. Жип үзөңгү. Кыска жипти үзөңгү боо катары илмектеп, ошол илмегин тээп минет жана ат үстүндө жип үзөңгүнү тээп жүрөт. Жип үзөңгү убактылуу колдонулган үзөңгү болгон, көбүнчө төө кому, эшек чомуна убактылуу жип үзөңгү колдонот. Мүйүз өзөңгү. Үзөңгүнүн эң байыркы түрү болуп, чагарагына теке мүйүздү тегеректеп ийип, ал ийилген эки башына көзөө чыгарып, ал көзөөлөрүнө кайыш өткөрүп, ага кайыш боо тагып жасалган, эч темир колдонбогон тегерек үзөңгү мүйүз үзөңгү аталган. Темир үзөңгү. Бардык курамы темирден жасалган, таманына касаба коюлбаган, жөн таман үзөңгү темир үзөңгү аталган. Күмүш үзөңгү. Темирден жасалып, таманына касаба (панжыр) коюп, көрчөгөлөп, көчөттөп, үстүнөн күмүш зым тартып, аны чөгөрүп, күмүш жапкан үзөңгү күмүш үзөңгү аталган. Күмүш үзөңгү күмүш ээр токулгага жараштырылып тагылат. Кыздардын себине берилген, дөөлөтмөндөрдүн ээр токулгасына күмүш үзөңгү тагылат.
  • Артайыл. Ээр-токулганы аттын жонуна бекем токуп, ат белин беките турган жалпак белдик артайыл аталат. Бирок артайылдын жергиликтүү айтымдары абдан көп болуп, көбүнчө, басмайыл деген түрү көбүрөөк жалпылашкан. Андан бөлөк, салмайыл, тартма, кышаң, айыл деген айтылыштары эл ичинде колдонулуп келген. Артайылдын айтылышы, түрлөрү жергиликтүү айтымдарды кандыра изилдеген Ж. Мукамбаевде мындай берилген: Артайыл жерг., пам. жүндөн жасалган сызма басмайыл (ээр токулгандан кийин тартылат); артайыл пышык экен; ( ич басмайыл) ылдыйыштан артайыл үзүлүп кетти; жип артайыл жерг., пам. сызмадан жасалган басмайыл; жип артайылды сүдүрөп кетиптир; жүл артайыл пам. жүлдөн жасалган артайыл; жүл артайыл жүлдөн жасалат (гилем басмайыл); жороп артайыл пам. кадимки таардай согулуп жасалган басмайыл; Үрүнса, жороп артайылды таап келчи; ички артайыл пам. жип басмайыл; ички артайыл кыл жиптен болот; кайыш артайыл пам. булгаары териден жасалган басмайыл (жип артайылдын үстүнөн тартылат); ата, кайыш артайылды берейинби?; күмүш артайыл пам. күмүш чөгөрүлүп жасалган басмайыл (жип артайылдын үстүнөн тартылат); менин күмүш артайылым бар беде?; тышкы артайыл пам. кайыш басмайыл; тышкы артайыл кайыштан болот; чывыр артайыл пам. ортосуна сайма сайылган сызма басмайыл; биттү чывыр артайыл берген эдем.

Артайыл курамы. Артайыл (басмайыл), төңөлүк, тарткы, быштан деген бөлүктөрдөн куралат. Артайыл. Бир атка бир эле кезде ички артайыл жана сырткы артайыл колдонулат. Ички артайыл жиптен атайын таңдай чыгарып өрөт, ал ала артайылды түрдүү жиптерден түр, көчөт салып өрөт да, эки учуна төңөлүк көктөп, бир учуна тарткы кайыш байлайт. Сырткы артайыл кайыштан жасалат. Артайыл эн чени (төрт эли) тилип жасалат. Күмүш артайыл дегени, төңөлүк бетине, ошол эле төңөлүктү бекиткен кадоого артайыл шакек салып, ошол шакектерине күмүш жаап, көрчөгөлөп, көчөт чөгөрүп жасалгалаган түрү. Төңөлүк. Темирден жоноюл ийип, жалпактап жасалган чагарак сымал илгич, анын артайылга көктөлө турган тарабы түз чыгарылат. Тарткы. Артайылдын кайыш боосу, ал жумшак ийленген кайыштан ортон колдун эниндей, узундугу төш жары тилинип алынган кайыш боо болуп, артайылдын эки учундагы төңөлүктөрүн ушул тарткы боо аркылуу иле тартып аттын белин (эрди) чыңытып-бошотот. Атты минерде аттын белин чыңыт, атты мамыга байлаганда, ээрчен отко койгондо, белин бошот дегени ушул тарткы аркылуу иштелет. Быштан. Көпчүк бастыргыч. Сырткы артайылдын үстүнкү төңөлүгүнө бир учун байлап, дагы бир учун аттын камчыланар жагындагы ээр каптал тушундагы артайылга тиле өткөргөн буугучтай кайыш болуп, ал кайыш ээрдин каш алдынан, аркасы ээрдин кишилигин бастыра өткөрүлө тартылган көпчүк бастыргыч «быштан» аталат.

  • Көпчүк. Ат токуу маданиятындагы ат жабдыгынын бирөө көпчүк аталат. Көпчүк ээрдин чарасына төшөлгөн төшөктүк болуп, Ал жалпы көпчүк аталганы менен, анын ким колдонуусуна жараша өзүнчө аталган. Негизи: Көпчүк, көрпөчө, жүлүк, дыйдыке деген түрлөрү колдонулат. Көпчүк. Ичине кездемеден ичтеп, ортосуна жүн салып, тышын баркыт, чыйбаркыт менен тыштап, четтерин ыскыттап, бир канча жеринен шырып жасалган, эни ээр чарасына чак, узуну ээрге үч бүктөлүп салына турган ээр төшөгү көпчүк, ат көпчүк аталат. Көпчүктү эр кишилер ээрге салып минет, түсү карадан болот. Көрпөчө. Ичи гүлдүү кездемеден, ортосуна кебез, жүн салынган, тышы кызыл макмал, жибек кездеме менен тышталып, чети кара кездеме менен кизектелип, ал кизегине көчөт саймалаган ээр төшөгү көрпөчө аталат. Көрпөчөнү кызкелин ээрге салынып минет. Кээде үй ичинде, кыз-келин олтурган жерге көрпөчө төшөлүп олтургузулат. Көрпөчө кыздын себинин бирөө катары өткөрүлөт. Жүлүк. Ээрдин чарасына чактап, атайын жүл (гилем) катары согулган ээр төшөгү жүлүк (жүл көпчүк) аталат. Жүлүк жигиттердин, кыз-келиндин күмүш ээр токулгасына жараштырып салынат. Дыйдыке. Ийленген көрпө, же кайсы бир жандыктын терисинен ийлеп, ээр чарасына төшөп минүүчү тери көпчүк дыйдыке аталган. Ал эми көпчүк салып минүүнүн да өзүнчө каадасы болуп, ээрди как минбеген, ээр үстүн жасалгалап минүү маданияты калыптанган. Көпчүк салып минүү салты, көпчүктү (көрпөчөнү) бүктөп ээрге салганда, анын ачык учу ээр кашы келет. Көпчүктүн үстүнөн тыш артайыл (кайыш, күмүш) тартылып, анын быштаны менен көпчүктүн (көрпөчөнүн) төрт бурчу бастырылып, кымтылып турушу керек.
  • Канжыга. Ат минүү маданиятында, ээр токулга деген ат жабдуусунун бирөө канжыга болгон. Канжыга ийленген кайыштан чыпалактай жоондукта тилип, аны эше жумурулап койгон, узуну бир кулач келген боо кайыш канжыга аталган. Ал демейки өндүрүш адамдары канжыганы атайын ичке жиптен эшип да урунган. Канжыга боо ээрдин аркаңкы чарасынын көөмөйү, ээр капталдыгынын арткы уч жагына бекитилген куткун сагарагына өткөрүлүп, эки капталга эки учу салаңдатылып коюлат. Ат үстүнө бир нерсе алып жүрүү керек болгондо, ал нерсе канжыгага байланат. Канжыга «ат үстү кампасы» сыяктуу ат менен сапар тарткандардын керек-жарагы канжыгада, ага байланган куржунда белен турат. «Билим китепте»: «Канжыгада ак куржун, \ Кабыланга чак куржун» (СК) качан да байлалуу жүргөнүн айтат. Ал эми Манастын кырк чоросунун канжыгасына Каныкей куржунуна салып байлап бергендери: «Ар куржундун ичинде, \ Ат абайы – ат жалдык, \ Өңү окшош ат жабдык, \ Ат үпчүнү анда бар. \ Узунга кыска келбеген, \ Кыскага узун келбеген, \ Көрүп жүрүп кыркыңды, \ Каныкей мурда чендеген, \ Эр кийими анда бар. \ Эр үпчүнү кызылдан, \ Ат үпчүнү агынан, \ Көргөн адам таң калар, \ Ушул буйум мында бар»

(ЖМ) сыяктуулар болгон. Канжыга демейки турмушта, ар ким өзүнүн керек нерсесин байлана турган эптүү жабдуу болгон. Аңчылар алган олжосун канжыгага байлайт, ал алыскы жолдо канжыгага жумшак нерсе бөктөрүп (байлап) жөлөк кылат ж.б. ошого сынчылар канжыга сырын: «Канжыганын катканын каптал билбейт, ат билет», «Досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла» – деп корутундулаган.

  • Така. Ат минүү маданиятында жетишкендиктин бирөө атты такалап минүү болгон. Атты такалабай минген эмес, «Тулпардын туягы – кымбат» деген түшүнүктө, «Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар» деген макалда ар кандай атта така бар экени белгиленген. Ошого жараша, така жасоо, согуу кол өнөрчүлүк маданияты да абдан өнүккөн. Така чарасы, көзү, мыгы сыяктуу бөлүктөрдөн куралат. Чарасы. Таканын туяк сыягындагы, белгилүү энде жалпакталган тегерек бөлүгү, таканын толук курамы болуп эсептелет. Така чарасы ар кандай аттын туягына жараша чоң кичи, орто ийилип жасалат. Кыштын күнкү така чарасынын согончогуна текөөр коюп, муз така кылат. Көзү. Таканын туякка мыктай турган эки капталына үчтөн алты мык көзүн калпка салып чыгарат. Мык ошол көздөн туякка кагылат, бөрктүү башы көзгө кып кыналып түшөт. Мык. Таканын чарасын туякка мыктай турган, белгилүү калпка салып жасалган туяк мык ат мык аталат. Ат мыктын өзүнүн калыбы болот. Ат такалаганда, аттын туягына мыктап, аттын турасына мык учу тийип кетпөөнү катуу чебердейт. Аттын туягы аттын таманы болуп, ал тура жана туяк деген эки бөлүктөн куралган. Турасы буттун сөөгүнүн бир курамы, сөөк болуп, ага мык тийсе, аттын буту керден чыгат. Ал туяк дегени туранын четиндеги мүйүз бөлүгү, ал адамдын тырмагына окшош бөлүгү болуп, ошол мүйүз бөлүгү жерге тийип турат. Ал таканын мыгы ошол мүйүз бөлүгүнө кагылып, таканы жапшыра бекиткени атты такалады болот. Ал мүйүз туяк бөлүгүн жонуп тегиздеп, таканы омоктуу такалайт. Така түрү. Кыргыз тарыхында, ар кайсы өнүгүү доорунда, таканын ар кайсы түрүн колдонгон. Азырга чейин белгилүү болгондору: мүйүз така, темир така, алтын такаларды колдонгон. Мүйүз така. Эң баштапкы мезгилде колдонгон така түрү болуп, жерди теке мүйүз менен чийип, негизги өндүрүш куралы теке мүйүз болуп турган коомдо, таканы теке мүйүздөн жасап, туякты жана теке мүйүз таканы кол үшкү менен көзөп, ага кайра эле мүйүз мык тыгындап колдонгон. Бирок анын чыдамы убактылуу гана болгону көрүнүп турат. Темир така. Кыргыздардын темирден пайдалануу тарыхы жазма тарыхта абдан эрте экени, курч темир урунганы жазылуу турат. Албетте, темирди биринчилерден болуп такага колдонгону, ат минүү маданиятынан көрүнөт. Кадыресе кыргыз усталарынын көп кармаганы да темир така болуп, атты өндүрүшкө иштетүү ажатынын улам, така-мык согуу ар кандай үйгө, айылга жалпылашкан. Ал тургай кыргыз акылмандуулугу таканын маңызын: «Така туякты сактайт, туяк тулпарды сактайт, тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт» деген жогору түшүнүккө көтөрүп, бул түшүнүктү макалга айлантып, туяк, ат, эр жигит, элдин байланышын көгөндүн бурчагын кежисине тизгендей тизип көрсөткөнү абдан бийик тааным болгон. Алтын така. Кыргыздын тарыхында алтындан, жезден така согуп, күмүш мык менен ат такалаган доору болгонун «Билим китебинде»: «Ок жаңылып кетет деп, \ Опсуз күлүк Аккула, \ Абай менен жаптырган. \ Алыска жүрсө болбойт деп, \ Төрт туяктын баарына, \ Алтындан така кактырган» (СК), «Суудан чыкты кылк этип, \ Алтын така күмүш мык, \ Төрт айакта жылт этип, \ Булгаары тердик, көн желдик, \ Бурчунан суусу шорголоп…» («Семетей» ЖМ) деген баяндарда Манас бабабыз алтын така урунганын айтып жеткириптир. Өз кезинде, Манастын «Алтыны аттын башындай, \ Күмүшү сайдын ташындай» болгон дооруна ишенсек, «Манас» доорун «Алтын така доору» атап, атына алтын така кактырганын «апыртма» – деп айта албайбыз. Анын үстүнө, эл ичинде: «Атты такалаганча, жолду бакыла» деген макал жалпылашкан. Мында таканы аёо, асыроо, кадырлоо көз карашы билинет. Атчан кишинин ат минүү тартибинде, атты көк сайлуу, таштуу жерге чаппайт, сынчылар: «Ташка салып айдаса, тулпардан туяк кетилет, саяпкери жарашса, тулпарга туяк жетилет» деген нускоону берип, «жол» деген эчен туяк кырча басып жумшарткан болсо да «бакылап» аярлап жүрүү керектиги эскертилет. Ал аяганы таканы, алтын таканы кадырлап урунганын билгизет. Дагы эл ичинде: «Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр» деген ылакап айтылат. Мындан да, бай темир таканы эмес, атына алтын така кактырганын билет да, «алты ай жер казганы» алтын така үчүн болгону көрүнөт. Аттын такасын жайлоого агытканда, үйүргө салганда, кышкы теминдиде сууруп салат. Болбосо, ат жандоодо тайгылып (тырмактай албай) мертинет.
  • Камчы. Ат минүү маданиятында камчы ат жабдууларынын бирөө болуп, ал атты «айдоо», атты жазгоо куралы, аны кыргыз акылмандуулугу: «Ат камчыдан жалтанат, эр намыстан жалтанат» деп корутундулаган, дагы бир көмүскө кызматы ат минүү «сүрү» камчы болуп эсептелет. Ал камчы кашаң, жаман аттарга карата колдонула турган курал, «Жакшы ат камчы салдырбайт» болгону менен, ат минген адамдын колунда камчы болбосо, каадалуу көрүнбөгөн. Ошол себептүү, ат минүү маданиятында камчынын түрү көп, камчынын сөөлөтү, жасалгасы ашемет болгон. Камчынын курамы: камчы сап, камчы көгү (өрүмү), камчы алаканы, камчы кадоосу, камчы бүлдүргөсү, камчы түшкүнү, камчы кадоосу сыяктуулар болгон. Камчы сап. Ыргай, теке мүйүз, жээрен шыйрагы, жумуру кайыш сыяктуулар камчы сап болот. Камчы сабынын адам кармай турган башына көзөө чыгарып, көзөөгө ийленген кайыштан «бүлдүргө» аталган илмек боо таккан, ал камчы боосунан камчыны илүү, камчыны кармоодо ошол бүлдүргө боосун керектейт. Камчы саптын үстү бетине, кадоо темир (көрчөгөлөнгөн күмүш) кадалат. Камчы алакан. Камчы сап менен камчы көгү «алакан» аркылуу туташтырылат. Алакан кайыштан (көндөн) каттап, ортосуна камчы көгүнүн баш жагын тыгынчыктаган, тегеректеп четин кайып бекиткен, камчы сап жагына тил чыгарган тутум болуп, алакан тилин камчы сапка боорлотуп келип, астына кадоо темир төшөп, камчы саптын үстүнкү бетиндеги кадоо темирге беттештирип жез мык менен үч жеринен бөрктөп бекитет. Алакандын бышык болуусу камчынын мыктуулугун белгилейт. Алакандын үстүнкү бетинин камчы көгүн киргизген жагындагы кайышты чачыктап жасайт. Алаканды кээ бир жергиликтүү айтымда «таман» дейт. Камчы көгү. Тоо текенин терисинен, тайынча уй терисинен көк жасайт. Ошол көктү текши тарамдап тилип, ортосуна жумуру кайыштан өзөк коюп, ошол өзөктү орой түрдүү ыкмада өрүлгөн камчы бөлүгү «камчы көгү» (камчысы) аталат. Камчы көгүнүн өрүм өнөрү камчынын каадасын көтөрүп, кандай өрүмдөгү камчы карманганына карап, ал камчы ээсинин каадасы билинип турган. Сынчылар камчы өрүмүн: «Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң, бир сырдуу бол» деп сынга толтурган. Камчы түшкүнү. Камчынын өрүлгөн көгүн бекиткен, камчынын түйүн учу «түшкүн» аталат. Ал «камчынын учундагы кооздоп кыр чыгарылган жери» (Ж. Мукамбаев). Камчынын түшкүнүн чаян түйүү деген түйүм менен бек түйөт, камчы көгү жыртылса да, түшкүнү чечилбей турат. Камчынын уруу күчү ошол түшкүндүн катуу тийишине багынды болот. Камчы кадоосу. Камчы сап менен камчынын алакан тилин бекиткен, камчы сап учундагы асты үстүнө койгон жалпак темир «камчы кадоосу» деп аталат. Камчы кадоосу мыгы мис, ал темири күмүш менен көрчөгөлөнгөн болот.

Камчы түрлөрү. Камчы эмнеге колдонуу, көгүнүн, сабынын кандай жасалышына карай үч чоң түргө бөлүнөт. 1. Колдонулушуна карай. Булдурсун. Түшүндүрмө сөздүктө: «Калың кайыштан өрүлүп, учуна коло уютулган, салмактуу баатырлардын чоң камчысы» – деп түшүндүргөн. «Билим китепте» булдурсундун жасалуусун: «Атамдан калган булдурсун, \ Чапса кулак тундурсун. \ Анын жайын айтайын: \ Алты эркеч терисин, \ Сайлуу жерге кердирген. \ Какырлуу жерге чойдуруп, \ Жетимиштен өрдүргөн. \ Чокусуна чок койгон, \ Түшкүнүнүн учуна, \ Сомдоп карыш ок койгон. \ Алаканын бек кылган, \ Душманды көздөй кезеткен, \ Пил терисин каптаган,  \ Кан ыргайга саптаган. \ Бүлдүргө такчуу жерине, \ Бургу салып көзөткөн. \ Абышканын көк торпок, \ Эки энеге тел торпок, \ Күдөр кылган ак кайыш, \ Чайан түйүп тактырган, \ Балбандар, алптар жактырган» («Семетей» ЖМ) – деп айтканынан, биз булдурсунду гана эмес, бүт эле камчынын курамынын аталышы, эмнеден жасалуусунан билим алабыз. Ушул эле бир мисалдан айтар элек, «Манас» кыргыз маданиятынын «Билим китеби» дегенибизди дагы бир жолу ырастап берди. «Билим китепте» булдурсунду такай «кара жаак булдурсун» деген сөз айкашы менен бергенин атайын айтып койсо болот. Кыргыз акылмандуулугу булдурсун боюнча: «Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс» деген макалын чыгарыптыр. Дара. Жазалаган адамды уруу үчүн, кайыштын ичине (өзөгүнө) кум салып жасалган жаза камчы «дара» аталган. Дара камчы тийген жер дароо шишип, ырбап кетме, адам сабама камчы эсептелет. Тасма. Ичке кайыш тасманы сабоо жыгачтын башын бертип, ошого айланма кылып бекиткен кайыш тасма камчы аталат. Тасма камчы араба, чийне аттарын айдоого колдонулат. 2. Өрүмүнө карай. Камчыны өрүүгө кеткен көктүн саны, мисалы, көгү жетиден он алты көккө чейин сан менен түрдүү көрүнүштө камчы өрүлүшү, ал өрүм ыкмасы жагынан камчынын бир нече түрлөрү чыккан. Алсак: жылан боор өрүм, суйсал өрүм, котур өрүм, терме өрүм, үйөрүм өрүм, чыбыткы өрүм, калмак өрүм ж.б. Өрүмү окшобогон камчылардын кээ бир түрлөрүн кыргыздар бар жерлердин көбүн кыдырган Жээнбай Мукамбаев «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүндө» мындай көрсөткөн: Суйсалма жерг. тасмадан ичке кылып он алты көктөн өрүлгөн камчы; суйсалма камчыңды берип жүгөр; Терме чүй. ичке тилинген он, он алты же жыйырма төрт, отуз алты көктүн «ийчиге» керип, бирин басып, бирден терип, төрттөн талы жупташып, сегиз жолу терилип өрүлгөн камчы; Уй өрүм чүй. камчынын өрүмү жоонурак, ирирээк келген түрү; уй өрүм табылга саптуу камчы; Чыбыткы тоң. өрүмү майда сыйда камчы; чачылуу чывыткы камчы өрүшөт; Котур өрүм жоон күдүрөйтүп өрүлгөн камчы; Көк камчы камчынын өрүмү он эки көктөн өрүлүп, ортосуна өзөк салынып, алаканына күмүш жабылып, кооздоп жасалган түрү. Көк камчыны кайыштан эмес көктөн өрөт; 3. Камчы сабына карай. Камчы сабынын эмнеден жасалышына карай, камчы түрлөрү мындай: Ыргай камчы бул жыгачтын эң катуусу жана бышыгы, дагы бир элдик ишениминде, ыргайга илээшкен – жабышкан жолой албайт деген ишеним да ыргайды камчыга сап кылууга себепчи болгон. Мүйүз камчы көбүнчө, текенин мүйүзүн отко салып жашытып, каалагандай жонуп-түзөп камчыга сап кылат. Ал жарылып, тарашаланбайт, кармаган сайын жылтырап жаңырып турат. Мүйүз камчыга жейрендин, бөкөндүн мүйүздөрү керектелет. Бул мүйүздөрдү камчыга сап кылса, камчынын мартабасы, касиети ашынган. Шыйрак камчы эликтин шыйрагын толугу менен, түгү, туягы менен камчыга сап кылган, мындай камчыны Ж. Мукамбаев: «Ноода камчы атб. камчынын эликтин бутунан жасалган сабы» – деп жергиликтүү айтымдан келтирген. Күйдүрмө камчы батк. сабы кооздолуп жасалган камчы; күйдүрмө жылан боwур камчы жасайт; Нукур камчы камчынын чолок сапталганы; нукур камчысыны ойнотот эй (Ж.Мукамбаев).

Камчы каадасы. Камчыны ат айдоочу курал, андан

«Колуңда жүрүп билинбейт – камчыдан артык курал жок, койнуңда жүрүп билинбейт – катындан артык тууган (же душман) жок» деген макал чыккан, ат минүү маданият белгиси катары кароо, колдонуу менен, кыргыз акылмандуулугу камчынын каадасын, түшүнүгүн көтөргөн. Камчынын атка иштетилүүсүнөн аттын сынын, сапатын көрсөтүп: «Аты жаман мурун камчыланат, атасы жаман мурун айтат», «Жакшы атка – бир камчы, жаман атка – миң камчы», «Кашаң атка камчы жоо, тешик үйгө тамчы жоо», «Олбуй – солбуй теминген, оң – тетири камчы урат» деген макалдарынан, камчыдан аттын сапаттык сынын белгилеген.

Камчы жоруму. Камчысын алуу. Атын алган соң, меймандын камчысын колунан алып, аны дайын жерге илип, мейман жөнөрдө камчысын өз колуна берүү адамгерчилиги иштелет. Меймандин камчысын жоготсо, камчысына камчы төлөйт. Камчысын берүү. Мейман аттан түшкөндөн кийин, камчысын ат алуучуга тапшырат. Же болбосо, өзүнүн өтүгүнүн кончуна бүктөп кыстарат. Өзү камчысына ээ болгондо, бекем катуу керек. Камчы жоголсо, үй ээси уяла турган адат бар. Уяттуу болот. Айылында тоймаареке болгондо, ким камчысын колунан алган болсо, ал менин үйүмө жат деген адамгерчилик белгиси болгон.

Анда камчысы бар үйгө кирип жатуу керек. Камчысын бир үйгө берип, өзү дагы бир үйгө кирип кетсе, салт билбеген болот. Мейман өзү кандай камчы алып келген болсо, ошонун өзүн берүү керек. Аны алмаштырып койсо, кээ бир кишилер жанынан үзбөгөн жан жолдошум деп ырымдап жүргөн болсо, кыжалат болот.

Камчы тыйымы. Камчы менен итти урбайт, итке камчы жазгабайт; Камчыны үйгө киргенде «сүйрөп» (салаңдатып кармап) кирбейт, камчы сүйрөп кирүү, найза сундуруп кирген жоосу катары болот. Камчы карманган киши үйгө киргенде, камчыны кончуна кыстарып кирет, же кирген үйдүн улагасына илип кирет; Камчыны бүктөй кармап, адамды кезеп сүйлөбөйт, душмандашкан адамдар камчы кезешет деп жоруйт; Камчы менен атты башка чаппайт; Кыргыз акылмандуулугу: «Кегиңди ичиңе кат, камчыңды койнуңа кат» деген макал менен камчы кармануу маданиятын көрсөткөн.

  1. Сыягы. Сынчылык ат минген адамдын ат үстүндөгү олтуруу сыягына өзгөчө көз салган. Атты оң жагынан (сол капталы, минер жагы дейт), тизгинди колго алып, үзөңгүнү бутка салып, ат жалын кармап, оң бутту ээрден артылта минет. Мингенде адам өзүн түздөп, тондун (чепкендин) арка этегин ээрге кумтуй отуруп, эки этегин такымга кымтып, чылбыр, тизгинди колго алып, ээрде олтуруу сыягын чыгарат. Атты чаап бара жатканда, адам алдыга эңкейе олтурат, ат жорголоткондо, үзөңгүнү чирене тээп, артына кайкалап жүрөт. Ат бастырып, чаап бара жатканда, ээр кашты кармап, көчүктү коомай олтурганды өчөйүп деп сын коёт. Этек-жеңин кымтыбай коё берип ат бастырганды далдайып, далдалактап деген сындар менен сыпаттайт
  2. Каадасы. Атты кадырлоо, аны өз каада-жосуну менен минүү, өзүнүн жана аттын каадасын сактоого маани берген. Сынчылар: «Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы – урмат», «Ат минбеген ат минсе, чаба-чаба өлтүрөт, тон кийбеген тон кийсе, кага-кага бүлдүрөт» – деп каадалуу ат минүүгө нускап турган. Атты жаш курамына, эркек ургаачылардын, кадырман адамдардын, дөөлөтмөндөрдүн кандай ат минүү каадасы болгон. Ал тургай, ат минген киши жөөнү сыйлоо, жөөгө мурда салам берүү, айылга ат чаап кирбөө, боз үйдүн оң жагына келип аттан түшүү, атчан сапарга чыккан эр кишинин алдын ургаачы кишилер торобоо сыяктуу тартип, ырымдары болгон.
  3. Асыроо. Мейли ким, кандай ат минсе да, атты суутуп, табында минүү; жоорутпоо (жоор ат минүү уят), ичмек, тердиктерин кургактап, жумшактоо, «Найза саймак – эрдиктен, ат жоорутмак – тердиктен» болот; Өз маалында отко коюп, арыктатпоо (арык ат минүү уят); бутун такалап (ташыркатып минбөө), «Адам кулагынан карыйт, тулпар туягынан карыйт»; аттын акырынын алдын чыла кылбай кургак кармоо, эгер ат дайыма чыла басып турса, «буту чыла болду» деген бут тери жарылуу оорусуна чалдыгат (чыла буттуу ат минүү уят). Ат башына камчы салбоо; байлаганда буттарын жипке кыйдырып салса, ат жабыркайт жана ал жерге ак жүн чыгып сыны бузулат. Атты ар дайым оонатып, сылап, тарап туруу, минген жакшы атты маалында жууп туруу ж.б. асыроо менен минүү ат минүү маданияты болгон. Манас баатырдын атты асырап минген үлгүсүн Сагымбай манасчынын айтканынан бир үзүм келтирсек: «Астын акыр чаптырган, \ Азем менен бактырган, \ Кумдуу жерге оонаткан, \ Кудуктуу жерден сугарган, \ Үртүктү каба жаптырган, \ Үкүнүн жүнүн тактырган, \ Урматтуу күлүк чоң Кула ат».
  4. Жасоо. Кыргыз ат минүү маданиятынын эң өнүккөнү атты жасалгалап минүү болгон. Ат жасалгасы «ат жабдыктары» деп аталган. Ат жабдыгынын негизи ээр-токум болуп, кыргыздын ээр-токум тутунуу маданияты жетик болгон. Атты жасалгалап минүү адамдын тышкы сынын көрсөткөндөй, кийим-аягын бажоо кийингендей түшүнүккө жеткен. Аттын ээр-токулгасына күмүштөн жаап, жабуусуна түрдүү көчөттөрдү түшүрүп, чачы делбирөөчтөрдү тагып жасашы, ал тургай ал атты ким минишине карай, алсак, кыз-келин минүүчү ат, жигиттер минүүчү ат, байбичелер, ак сакалдар минүүчү аттардын жасалгасы өзүнчө болуп, жасалгасынан аны ким минери белгилүү болуу даражасында болгон. Ал эми кыргыздын коомдук түзүлүшүн да ат жасалгасы көрсөтүп турган. Баш кишилери кандай ат минүү, кандай ат жабдык менен жабдуу, мисалы, Манастын башка ат жабдуусун айтпаганда да, атына «алтын така кактырганы» ат жасалгасынын ханы менен карасынын айырмасын таасын белгилей алган. Ал тургай, «Билим китепте» кырк чоронун аты менен өзүн сыйра, бир түстө жасаганын үлгүсүн Сагымбай манасчы мындай айтыптыр:

«Тышка чыгып караса

Ыкчырылтып ыргытып,

Ыкыстатып ойнотуп,

Ок жыландай сойлотуп,

Ооздугун чайнатып,

Оттой көзүн жайнатып,

Кол канжыга башына

Бирден доол байлатып,

Билериги баары алтын,

Билезиги сары алтын,

Сары алтынга саптаган,

Пил терисин каптаган,

Чымын тийсе чыңк эткен,

Чыбык тийсе кадимки

Мылтык аткан эмедей

Кулак тунуп зыңк эткен,

Курбусу алтын көк доол

Кол канжыга көмкөрүп,

Алтын соот-күрөөкө

Аркасына бөктөрүп,

Бороонду күнү суук өтпөс,

Жаандуу күнү суу өтпөс,

Чыйырчык алтын чымчык көз,

Чың бадана торгой көз,

Торгой көзү жыбырап,

Тоок көзү шыбырап,

Машанын мурду батпаган,

Чиркейдин мурду өтпөгөн,

Айга салып караса

Алакан жүзү көрүнбөс,

Ак күрөөкө торгой көз,

Жакасы алтын жапмалуу,

Топчусу көөхар такмалуу,

Канжыгадан өткөрүп,

Кас буудандын баарына

Бирден соот бөктөрүп,

Өзүнүн атын боштотуп,

Жолдошуна коштотуп, Койгон экен баарысын Коёндой кылып окшотуп».

Ат жасалга аталыштары

  1. Көкүлдүрүк Ээр кашы
  2. Тумшуктук Артайыл
  3. Сагалдырык Үзөңгү
  4. Жаактык Көпчүк
  5. Суулук Баштан
  6. Тизгин Куюшкан
  7. Чылбыр Кумпа
  8. Көмөлдүрүк Үшкүнү
  9. Жекесан Чачыгы

Ат сынчылык майнап:

Аттын жакшысы – калбыр өпкө, жез билек;  Ат жаманы – сыңар байпак, ала көз.

Ат сын даражалары

Пайдаланган адабияттар:

С. Орозбаков, «Манас» (электрондук нускасы)

Каралаев, «Манас» (электрондук нускасы)

Ж. Мамай «Манас» (электрондук нускасы)

Мухамед Ибрагим жыйнаган «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөрү», Бишкек-2008.

Академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында, «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», «Полиграфбумресурсы». Бишкек-2019

Жээнбай Мукамбаев, «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» Ат таптоо материалдары

Ырысбек Аждыкерим уулунун элден чогулткан материалынан пайдаланылды.

  1. Макаладагы ат элестери интернеттик байлыктардан пайдаланылды.

Шарттуу кыскартуулар:

СО: Сагымбай Орозбаков

СК: Саякбай Каралаев

ЖМ: Жүсүп Мамай

«Билим китеби»: «Манас» кыргыз элинин энциклопедиясы деген мааниде.

 

Үчүнчү бап

КАНАТТУУЛАР СЫНЧЫЛЫК МАДАНИЯТЫ

Кыргыз сынчылык маданиятынын үч чоң түрүнүн бирөө канаттуулар сынчылыгы болуп, бул сынчылыктын негизи кыргыздын өндүрүш маданиятынын ичиндеги аңчылык эмгегинен калыптанган. Канаттууну колго үйрөтүү, сынчынын кесиптик сөзү менен айтканда, канаттууну «кол бала» кылып (уядан балапан кезинде алып, көндүргөн канаттууну ушундай атаган) өндүрүшкө иштетүү өнөрүнүн ажатынан чыккан. Адамзаттын өндүрүш маданиятында жапайы айбандарды колго үйрөтүү, мисалы, төрт түлүк малды өздөштүрүү өнөрү абдан ийгиликтерди бергендей, кыргыздын канаттууну «кол бала» кылып үйрөтүп алышы өз доорунун жашоосунда бир түрдүү чарба жаратуу, бир түрдүү экономикалык кесип маданияты болуп эсептелген. Ушул чарбанын ажатынан улам канаттуулар сынчылыгы иштеген. Канаттуулар сынчылыгы жалпы кыргыз сынчылык маданияты ичинде адам сынчылыгы, ат сынчылыгы сыяктуу колдо бар (жапайы эмес), коомдо жашагандар (адамдар) сынчылыгынан алда канча татаал, тээ жаратылыштын койнунда, жапайы боюнча жүргөн канаттууларга болгон өзгөчө сынчылык, асманда учуп жүргөндөрдү сындан өткөрө турган (тандай турган) оор сынчылык болгон. Ал үчүн канаттууларды таануу, обо, канаттууларды өздөштүрүү, оболу, миңдеген жапайы канаттуунунун ичинде алгыр (аң ала ала турганын) тандап, аны аңчылык өндүрүшкө салуу, Алгырдын ичинен кыраанын тандоо, алардын табияты менен таанышуу, керектүүсүн кармап келүү, аны «үндөктөө» деп аталган колго көндүрүү, «түлөккө олтургузуу» деп айтылган таптоо (өндүрүшкө жаратуу) сыяктуу абдан машакаттуу, кадыресе табият билимдерин, канаттуулардын жашоо билимдерин талап кылган өзгөчө сынчылык болгон.

Кыргыздын канатууларды таануу, алардын табиятын өздөштүрүү, аны өз жашоосуна айкалыштыруу билиминин, атап айтканда, «куш кармануу» өнөрүнүн тарыхы абдан узак экенин, канаттууларды «кол бала» кылып алып жүрүү салты кыргыз тарыхында абдан узактан келе жатканын башка элдердин да, куш (бүркүттү) карманып, аны өндүрүшкө жумшаганы, сонор ордунда чер жазууга алып жүргөн адаттары менен да үзөңгүлөш жүргөнүн атайын айтса болот. Ушул кездеги интернеттик маалымат байлыгынан маалымат алсак, эртеде таштарга, көрүстөндөргө адамдардын куш (бүркүт) карманган сүрөттөрүнөн, куштарды «көчөттөп» өзгөчө эстеликке калтырган көрүнүш кезигет экен, ошондон улам, кушчулук өнөрүн адамдар эрте өздөштүргөн деп айтууга болот. Төмөндө биздин санактын 8-кылымдарында көчөттөлгөн эки сүрөттү көрсөк, бирөө «Күсан кызыл үңкүрлөрү» деп аталган миң бутта үңкүр арасындагы 118-үңкүр дубалына «бүркүттүн мечинди чеңгелдөөсү» аттуу «бүркүт көчөтү» ушул күнгө чейин даана туруптур. Ал экинчи сүрөт «Кытай таң падышалыгынын так мурасчы тегини» Ли Жоңрундун ( 李重润682~701) күмбөзүнүн ичиндеги дубалга көчөттөп (чийип) түшүргөн «Гуздардын куш кармануусу» деген тема менен сүрөт түшүрүлүптүр, эртедеги Куш күйүт бул куш карманган эки сүрөттүн атайлап эстеликке алынышы, кыргыздын куш кармануу тарыхы «Манас» доорунда абдан өнүгүп, Манас баатырдын башынан бакыт кушу (бүркүт) кетпей, бүркүттүн колдоочу болуп туруу, ал Семетейдин ак шумкар алып жүрүү баяндарынын теги-төркүнү, доор-убактылары унутканды эске салгандай, адамдардын куш тутунуу тарыхы чамалаш жүргөн экен деген ойго түртүп турат.

Кыргыз тарыхында канаттуулар сынчылыгы кылымдарды карытып, бир чагын өндүрүш кесибин сапатка көтөрүп гана калбай, элге канаттуулар билимин жайылтуучу, канаттуулар билимин жалпылаштыруучу болуп берген. Ошого кыргыздын ар бир айылында канаттуулар сынчысы болгон. Эл ичинде, кадыресе канаттууларды таануу, канаттуулардын атын төп билүү, канаттуулардын мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, табиятын билүү билимдери да жалпылаша алган. Биз аны элдик чыгармаларында канаттууларды сүрөттөөсү, канаттууларды баяндоосунан көрө алабыз. Ал үчүн, жөнөкөй бир ырдан мисал келтирсек: «Жагалмай деген жакшы куш,\ Жар ташка конуп байыр алган…Кыргыек деген кызыл куш,\ Кыр ташка конуп байыр алган…» деген секетпай ыр сабындагы «жагалмай», «кыргыек» деген канаттуулар кандай куш экенин, байыр алган жери, түсү боюнча маалымат берип турганын көрөбүз. Ал тургай, канаттуулар таануу билими эл ичинде жөн эле сөз менен эмес, поэзиялык (ырчылык) деңгээлинде айтылып, канаттуулар билиминин эл ичинде жайылуусу кеңирген. Эске салсак, «Буудайык» (М. Кылыч) дастанында, «Куштардын аңгемеси» (Т. Молдо) сыяктуу дагы көптөгөн канаттууларды кейипкер кылып баяндаган, канаттуулар жомогунда, окуя аркылуу ар бир канаттуунун өзгөчөлүгү, мүнөзү адамдарчалап сүрөттөлүп, ырчылардын тили (сынчылардын эмес) менен жазылган «Канаттуулар энциклопедиясы» болуп, эл ичине жайылганы, эл ичинде канатууларды таануу билими абдан жугуштуу болуп, ал канаттуулар сынчылык маданияты элге кадимкидей жалпылашканын көрсөтүп турат.

Ал эми, канаттуулар сынчылыгы бир кесип чарбасын, анын өндүрүшүн билим жагынан камдап гана калбай, кадыресе, жалпы эле жаратылышты таануу, канаттуулардын жашоо мыйзамын өздөштүрүү, алардын көбөйүүсү, алардын жаратылыш чөйрөгө болгон таасирин билүү чоң билимин жыйнаган. Канаттуулар сынчылыгы, жаратылыштын жашоо теңдигин сактоо, жаратылышты коргоо эрежесин карманган. Канаттуулардын табиятына баккан жаратылыш чөйрөсүн теңдикте кармап туруу эрежесин сынчылык өзгөчөлүгү деп билген. Мисалы, күйкө аталган алгыр куштун табияты чычкан алуу экенин өздөштүргөн, кадыресе, күйкөнүн бир атын «чычканчы» атаган, күйкө балапан күткөн маалда, «окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, бир күйкө балапанына бир айдын ичинде эки жүздөй чычкан алып берет»[1] экен. Ал аңыздагы данды чычкандан коргоодо күйкөнүн ошол табиятынан пайдаланган. Канаттууларды коргоо канаттуулар сынчылык маданияты даражасына жеткен. Канаттуулардын төлдөө мезгилин төп өздөштүрүп, жумурткалоо мезгилинде, канаттууга уучулукту тыйган. Алгыр куштарды өндүрүшкө кармоо ажаты туулганда, бир уядан бирди алуу, артык кармабоо, канаттууну кордобоо, ажаты жок канаттуу колго түшүп калса, оозуна түкүрүп шилекей алмаштырып «достошуп» табиятка учуруп жиберүү сыяктуу катаң эреже канаттуулар сынчылык маданиятынан көрүнгөн. Ал тургай, кармап таптаган алгыр кушту (бүркүттү өз ичине алат) да, кайсы бир мерчемге жеткенде, табиятка кайра учуруу салтын калыптандырган. Мисалы менен сүйлөсөк, бир бүркүтчү бүркүттү жыйырма беш жыл аңчылыкка салгандан кийин, ал кыраан бүркүтүнө ыраазы болуп, аны кайра учуруу аземин өткөрүп, элин жыйып, тай союп, тайдын өпкө-жүрөгүн кыраандын алдына коюп, элге мындай кайрылган: «Уруксат болсо, жарыктык кыраанды учурсам дейим. Өз чабытын алсын, өз турмушун уласын. Адамгабы, айбангабы эркин жашоо керек» [2]- деп, кыраан бүркүткө сый көрсөтүп учурганга окшош, алгыр куштарды кайра учуруп жиберүү сыяктуу уламыштар такай айтылат. Айтмакчы, канаттуулар сынчылыгы «мүлүшкерлик» өнөрдү өнүктүрүүчү, ага нускоо берүүчү акылманы болгон. Баса көрсөтүү керек, мүлүшкерлердин бардыгы эле канаттуулар сынчысы боло алган эмес, бирок, канаттуулар сынчылыгын да өздөштүргөн мүлүшкерлер болгон.

Канаттуулар сынчылык маданиятын эки чоң тароо менен, атап айтканда, бир тароосу, сынчы жана сынчылык маданияты, дагы бир тароосу, мүлүшкер жана мүлүшкерлик маданият табылгаларын көрсөтүп, бүркүт уруусу, 40 түрдүү бүркүт, 12 түрдүү кушка болгон сынчылык, мүлүшкерлик өнөрдү тааныштыруу аркылуу кыргыздын канаттуулар сынчылык маданиятын жарытып карайт.

Биринчи тароо. Сынчы жана сынчылык

Канаттуулар сынчысы бүт кыргыз сынчылык маданиятынын өзгөчөлүгүн сактоо менен, ал арналуу канаттуулардын жалпы сапаты, канаттуулардын мүнөзү, жашоо мыйзамы жөнүндөгү билимдер негизинде, канаттуулардын сапаттык өлчөмүн, ченин билип, анын жакшы-жаманын сынга толтурган адамдар болгон. Атап айтканда, сынчы канаттууларды таануу элдик билимин жыйноочу, аны жайылтуучу, мүлүшкерлик өнөрдү өнүктүрүүчү болгон. Эң эртедеги сынчылык уламыш «куш атасы буудайыкты» таптаган Төлөк сынчыдан башталат. Андан соң «Билим китепте» Семетейдин айтылуу Акшумкары ак куу алгандыгы (шумкардын ак куу алышы өтө сээрек абал) жөн эле көнүмүш катары айтылганына караганда, кыраан канаттууларды таптоо «Манас» доорунда бийик деңгээлге жеткенин көрсөтүп турат. Кыргыз коомунда, канаттуулар сынчылары ар бир айылда болгон. Ал эми кийинки кездерде элге таанылгандары, кагаз бетинде тааныштырылгандарынан Саякбай Каралаев, Чалагыз Иманкуловдорду, Курмаш Кутман уулун атап көрсөтсө болот. Алардын өздөрү куш көтөрүп, кушка сын айтып жүргөн баяндар кагазга түшкөн.

Ал канаттуулар сынчылык маданиятынын биринчи тароосунда, сынчы жана сынчылыкта, канаттууларды түргө бөлүү, түсүн айруу, күчүн (кыраандыгы) тандоо маданияттары жарытылат.

1-§. Түрү

Канаттуулар сынчылык маданиятынын эң чоң жетишкендиги канаттууларды түргө айрып таануу билимин өздөштүргөн. Канаттуулардын мүнөзүнө, жашоо жайытына, алардын азыктануу жана күч-кубаты жөнүндөгү билимдерге, жашоо мыйзамына негиз канаттууларды түргө ажыраткан. Канаттууларды түргө айрууда «куш» сөзү менен жалпы ат боюнча атап, андан соң, алардын жашоо чөлкөмү, азыктануу табытына карай боз куштар жана суу куштар деген эки чоң түргө бөлгөн. Ошол эки түр негизинде андан ары ичкелей, канаттууларды алгыр куштар, канаттуу илбээсиндер деген топко бөлгөн. Ал түргө айруу кыргыз канаттуулар сынчылыгында абдан кылдат жумуштун бирөө болуп, кадыресе, канаттууларды түрү боюнча таануу дүйнөлүк кеспий илим чамгарагынан чаталаш көрүнгөн. Канаттуулардын кылдат бөлүнгөн төмөнкү түрүн көрсөк, кыргыз сынчылык маданиятынын маңызын, канаттууларга болгон кыргыздын улуттук билимдерин дагы бир жолу дааналап түшүнүүгө жеткирет.

  1. Суу куштар. Канаттуулар сынчылыгы суу куштар жалпы канаттуулук тукум кууш жагынан «боз куштар» (кургактык куштар) менен бир тектик байланышы бар деп карайт. Суу куштар негизинен суудан азыктанып, сууга байыр алган, жер бетиндеги бүткүл канаттуунун чоң бир түрү деп эсептейт. Суу куштардан табиятында, алгырлык жөндөм жок болгондуктан канаттуулар сынчылыгы тек суу куштарды таануу билимдери, алардын аттарын билүү, сырттан таануу жагынан гана билим чогулткан.

Суу куштардын аттарын, алардын эркек-ургаачысынын, балапандарынын аттарын билген жалпы сабаттык билимдерге жетишкен менен, бирок, сынчылык суу куштарын үндөктөө, таптоо жагын карабаган. Ошого канаттуулар сынчылыгы негизинен «боз куштарга» сын көз салган. Ал суу куштардын келгиндик жагдайын, кайсы маалда келип, кайсы маалда кайтар мыйзамын гана өздөштүрүп, суу куштарды аңчылыктын олжосу катары караган.

Кыргыздар жашаган шартына жараша, суу куштар менен кең көлөмдө (деңиз куштары сыяктуу) таанышып кетпеген. Тек, көл, дайра көлмөлөрүнө түшө калган суу куштарын гана тааныган. Болгону, каз, өрдөктү турмушуна жакын сезишкен. Кыргыздар билген суу куштар: Суу куштардын төрөсү – куу, куунун ак куу, ала куу, кара куу деген түрлөрү бар. Турна, кыл куйрук, кара кунас, каз, каздын кара каз деген дагы бир түрү болот. Өрдөк анын чүрөк – ургаачысы, кайырма – эркеги болот. Аңыр, тартар, эчки маарак, кашкалдак, ак чардак, лейлек, казанак, сава, бөөш чымчык, сарыайгыр, чандолөс, соно, каз, суксур сыяктууларын, ал көл шарты бар кыргыздар андан да көп түрлөрүн билишет.

  1. Боз куштар. Кургакта жашаган канаттуулар боз куштар аталган. Ал кыргыз сынчылары дайыма сындан өткөргөндөрү ушул боз куштар богон.

Боз куштардын түрлөрү:

Алгыр куштар: алп кара куш, буудайык, бүркүт (он нече уруу, 40 нече түрү), жагалмай, турумтай, кыргый, ителги (ителги куш), шумкар (тогуз түрү), ылаачын, карчыга, куш (куш менен чүйлү бир уядан учат. Куш – чоң, ургаачысы, чүйлү – кичине, – эркеги). Кулаалы, күйкө, үкү (мыкый үкү, бабырган, эчки маарак, баюулу, уңкуш түрлөрү бар), Сагызган (сай сагызган деген түрү бар), аладунган, борбаш («чымчыкчы» деп да аталат. Кичи борбаш, кызыл баш борбаш, боз борбаш деген түрлөрү бар).

Алгыр эмес куштар: таскара, жору (көк жору, ак жору деген түрлөрү болот). байкөбөк, кунас (кара кунас деген түрү бар). Кытан (көк кытан деген түрү бар). Карга (коң карга, шор карга, чар карга, ала карга, кара карга, сары карга деген түрлөрү болот). Кузгун, куркулдай, боз таркылдак, кажыр, айры куйрук.

Канаттуу илбээсиндер: Тоодак, улар, кекилик, бөдөнө, чил, көгүчкөн (кептер), бактек, баарыл, кыргоол, бостек (кыргоолдун ургаачысы, бул кээ бир жергиликтүү айтымдарда «чус тоок, талаа тоок» болуп айтылат).

Чымчыктар: Үпү сасык, күкүк, сейнеп, чабалакей, таан (көкөтаан, чөкөтаан, ак тумшук таан, ак моюн таан, кызыл тумшук таан, деген түрлөрү болот). Таранчы, жарганат, жылкычы чымчык, чакчыгай, булбул, торгой (кара каш торгой, молдо торгой, сопу торгой, боз чаар торгой, кара торгой, кара ала торгой, сары тамак торгой, муз булактын боз торгой, ак баш торгой, сары ала кызыл куйрук торгой, жол торгой деген түрлөрү бар), карлыгач (чабалакей менен бир тууган), чар, көктамак, койчу кара, таталбек, каракур, короолу, эжеке бээсаа, безбелдек, кара боор, ызгыт (ызгыч, Алмамбеттин муңун козгогон), бирказан, тоту куш, майна, кара жалак, чыйырчык, чыйырчыктын ала чыйырчык, кара чыйырчык деген түрлөрү бар. Сүтак, сары барпы (Токтогулдун күүсү чыккан), көк теке, эрсиңар, боз чымчык, түркүрөк чымчык (дүркүрөк чымчык), жылкычы чымчык, безбелдек, чыйырчык (ала чыйырчык, кара чыйырчык деген түрлөрү болот), көк тамак, доңкулдак, кара койчу, кызкалдак (карагай кызкалдагы), короолу, таталбек, жаачы, башайы (сарала башайы, карала башайы деген түрлөрү бар), ак тамак, көк тамак, эр сыңар сыяктуулар болгон.

Кыргыз канаттуулар сынчылыгы ушул боз куштардын жашоо табияты, болуп да алардын өндүрүшкө (аңчылыкка) жароо жөндөмүнө (керекке келүүсүнө) карай, алгыр эмес куштар, алгыр куштар деген эки чоң топко бөлгөн.

  1. Алгыр эмес куштар. Кыргыз канаттуулар сынчылыгы көрүнүшү салыштырмалуу чоң, бүркүт сымал, өзү эткор, бирок өз алдынча тирүү жандар алып жей албаган, тарпка түшмө, сөөктү, кыбыр жандарды, бака балыкты жем кылып илип жеп жашаган, алгыр куштардай ийри тумшук эмес, тумшугу түз, тырмагы мукур канаттууларды алгыр эмес куштар деген топко бөлгөн.
  • Жорулар. Олбуру чоң болгону менен, өз алдынча жандар алып жей албаган, канаттуунун кору, тумшуктуу, тырмагы мокор келет. Ал өзүн: «Жору, жору, жорумун, аты куштун зорумун, беш тырмагым жогунан аты куштун корумун» дейт экен да, жорунун тырмактары мокор болуп, жандууну алып жей албаган. Жорулар тобунун ичинде көк жору гана тарп эт жебестен, сөөк жана сөөктөгү чучукту жейт. Көк жорунун көзү нурлуу тунук, түсү көгүш, боор саңоору акчуумай келип, таза жана сымбаттуу канаттуу. Ал жалгыз чабыттайт. Бодо малдын сөөктөрүн асманга көтөрүп чыгып, корумга бийиктен таштап чагып, чучугун жейт, тумшугу курч келет. Көк жорунун ичегиси болбойт, жемсөөсү бөөнгө туташып, ар канча чоң сөөк болсо да бөөндө эрийт. Көк жорунун эркегинин сакалы болот. Ургаачысы балтага талгак болот имиш. Балта жуткандыктан «балта жутар» деп да атайт. Талгагы канып, көк жору көөгө (төргө) барып тууса, кумайык тууйт имиш. Эмчилер көк жорунун өтүн, этин дарылыкка керектеген. Көк жорунун бөөнүнө бир нече жолу айран уютуп ичсе, ашказан оорусу айыгат имиш.
  • Ак кажыр. Ак кажыр канаттуунун чоңу. Ак кажырдын териси орто бой кишиге күрмө болот, боор саңоору ак, тумшуктуу, тырмагы мукур, көзү айрыкча курч, эл ичинде: «Ак кажыр 40 күндүк жерден тарпты көрөт» деген улама сөз бар. Мойну узун, бийикке учат. Өз алдынча жандар алып жей албайт, бүркүт алган тарпты жейт. Бодонун кабыргаларын кайчылап, сөөктөрүн кертип жейт. Тумшугу бычактан курч, ар кандай нерсени жарып кетет.
  • Таз кара. Башы жалпак, төбөсүндө жүнү жоктуктан «таз кара» аталган. Кажырдан чугу кичик, түсү бозомтук кара, тумшуктуу, көзү тосток, тырмагы мукур, тарп жейт, кажыр келгенде орун бошотуп, жем талаша албайт.
  • Саа. Түсү куу сары, боор саңоору агыш келип, чугу айры куйруктан бир аз кичик болот. Бака, жөжө эңип азыктанат. Келгин куш катары жашайт.
  • Суу бүркүт. Саалар тобуна кирет. Ийри тумшугунун үстүндө сыргасы болот. Тырмагы учтуу, түсү саргыч, боор саңоору агыш келет. Негизи, сууга тик сайылып кирип, балык алып жейт.
  • Айры куйрук. Куйругунун ортосу кыскараак болуп, ачамай көрүнөт. Ошого «айры куйрук» аталган. Көрүнүшү бүркүт кебетеленип, ийри тумшук, канатынын алды ак келет. Өз алдынча жандар ала албайт. Тарп, таштанды эт, бака, жыландарды жем кылат. Жемин эңип алып, учуп жүрүп жейт. Келгин куш катары беш тогоолдун соңунда келет.
  1. Алгыр куштар. Боз куштар ичинде тирүү жанды (илбээсиндерди) уулап азыктануучу, эткор куштар алгыр куштар деп аталган. Кыргыз канаттуулар сынчылыгы негизинен ушул алгыр куштарды сынга толтуруу, алардын табиятын өздөштүрүү, алгыр куштардын өндүрүшкө жароо жөндөмүн, мүнөзүн ачууга аракет жасаган сынчылык маданияты болгон. Сынчылардын сынындагы алгыр куштар: буудайык, бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын, карчыга, жагалмай, турумтай, кыргый, үкү, күйкө, сагызган, борбаш сыяктуулар болуп, ал ушул эле алгыр куштардын илбээсин алуу жөндөмүнө, күч-кубатына карай, алп куштар, бүркүттөр жана куштар деген үч топко бөлүп сындан өткөргөн. Эл ичинде алгыр куштарды «Кара куштар» жана «ак куштар» деген атоосу да бар болуп, бүркүт менен куштардын ичинде кыраан алгырларды «кара куштар» атаган. Кара куштарга бүркүттөр жана куш ийинен ителги, шумкар, куш, ылаачын кирген (К.К) Биринчи топ – Алп куштар, кыргыз канаттуулар сынчылыгында, аңызда айтылган канаттуулардын сырттандары, аталары (пирлери) болгон, алп кара куш жана буудайыкты, алп куштар деген түргө бөлгөн.
  • Алп кара куш. Алп кара куш кыргыз элдик адабиятында аңыз болуп такай айтыла турган сыйкырдуу канаттуу болуп, жомок баянда, анын олбуру өтө чоң, кебетеси бүркүт сымал канатууну элестеткен. Бирок алп кара кушту көргөн, аны үйрөткөн киши жок. Кыргыздын «Эр Төштүк» жомогунда Эр Төштүк алп кара кушту  үндөктөп (көндүрүп), аны минип жер астынын чыккан баян айтылат. Ушундан улап сүйлөгөндө, Эр Төштүк алп кара кушту таптаган аңыздык мүлүшкер болуп, кыргыз канаттуулар сынчылыгындагы биринчи сынчысы жана мүлүшкери Эр Төштүк болгон деп эсептесе болот. Себеби, ошол канаттууну адам өзүнө үйрөтүп алуу аңыз болгону менен, кийинки адамдар канаттууну өздөштүрүүгө болот деген түшүнүк, нускоо, өрнөк ошол Эр Төштүктүн алп кара кушту адамга үйрөтүп алганы канаттуулар сынчылыгынын башаты деп кароо керек. Ал ушул күндө алп кара куштун баяны «Аргентина алп кушу» (Argentavis magnificens) деп аталып, ал жолборсту гана жем кылган, бою 2 метр бийик, эки канатын жазганда узундугу 8 метр, салмагы 60-80 кг экени жөнүндө интернет барактарында жазылуу турат.
  • Буудайык. Буудайыкты кыргыз уламышында «куш төрөсү» деп, бүткүл канаттуунун ээси көрөт. Буудайык учканда, бардык эле канаттуу канатын жазбай, бугуп калат имиш. «Буудайык» (М. Кылыч) дастанында Төлөк аттуу мүлүшкер кармап таптаганы, ал буудайыктын белгиси: «куйругу кучак, жерлиги кылычтай, чалгыны бычак, үнү заар, көзү көк, жүнү чаар, башы мүйүздөй катуу, желкесинде чачы бар, текөөрү аппак болоттой, тумшугу курч ороктой, саңоору камыштай, узундугу канаттын элүү метр» деп сүрөттөлүп, бир алп денелүү бүркүттү элестетет. Буудайык алп кара кушка окшош нагыз аңыздык касиеттен, эл турмушуна жакын, ал тургай, аны таптаганы жөнүндө айтылат. Бирок, аны табына киргизүүнүн сыйкырдуулугун, эгерим тапталып калса, ал бүт эле канаттуу-канатсыз илбээсиндерди, чоңу жолборс, кичинеси соно сыяктууларды, ала турган кыргынчы канаттуу катары көрсөтөт. Ал эл ичинде «Буудайык талпынса, тунжурлар чалкасынан кетет», «Семетейдин арбагы буудайык болуп калганы» («Манаста») деген айтымдарда буудайык кайсы бир алыскы доордо «куш төрөсү» катары, жаратылышта болуп өткөн сыяктуу туюм берет. Бирок кандай болбосун, буудайык жөнүндөгү уламыш, жомоктор кыргыз канаттуулар сынчылыгы «куш төрөсүн» да үндөккө (өздөштүрүүгө) жеткен белесин белгилейт.
  • Чегир баян. Буудайык менен кумаржандын ортосунан туулган. Чегир баян көзү чекир, буттары жоон, тырмактары чоң, жүнү кара, сөөгү чулу, бою нук, туурда типтик олтурат. Ийнинен басса, солк этпейт. Көбүнчө, үңкүргө түнөйт. Үңкүргө кирерде үч жолу, чыгарда үч жолу шаңшып доош берет. Өтө үндүү жана сүрдүү болуп, учуп чыкканда жоро бүркүттөрү аркасынан ээрчип учуп жүрөт. Чегир баянды алган, таптаган киши болбоптур, тек чегир баянга түлкүнүн төрөсү шимшир баянды алдырганы боюнча уламыш кеп эл ичнде айтылат.
  • Кумар жайнак. Өтө сүрдүү, туурга олтурушу жыйнак, каңшаарлуу, көзү кызыл, жүнү кызгылт, тырмагы чоң, саны жоон, шаңшыбайт. Кумар жайнакка кулан алдыргандыгы боюнча мүлүшкерлердин уламышы айтылат (М. Т.)
  • Сарала. Көзү кызыл, жүнү кооздогондой, шуру мончок болуп жылтыр, саны жоон жана кыска, тырмактары чоң, буту кычылуу жана биттүү болот. Сарала түлкүдөн кара калтар, азуулуулардан илбирс, бөрү, кайберенден аркар-кулжа, боз кийик алат (М. Т.).
  • Жап канат. Демейде, сагызган ийин жап канат деген ылакап аты бар. Ийин жүнү сагызган жүнүндөй жалтырап, кубулжуп тургандыктан ошондой ылакап ат коюлган. Чоң канаттын үстүндөгү жамгырлыгы башка бүркүттөрдүкүндөй канатка жабышып турбай, коомай өз алдынча тургандыгы үчүн жап канат аталган. Куйругу узун, өтө учкул келет. Бөрү, аркар-кулжа, боз кийик алат (М. Т.)
  • Кадыр түн. Кадыр түн ак жолтой, ырыскылуу болгондуктан ушундай аталган. Кабагы калың, көзү нарытан кайнаган, боолугу кыска, жүндүү, түндүк тырмак, жүнү капкара, салмактуу, буттары эттүү келет. Азуулуулардан илбирс, бөрү, кайберенден аркар-кулжа, боз кийик ж.б. салганды ала берет (М. Т.)
  • Тосток ак кепин шалкы. Көзү чекир, боор саңоору ак, олбурлуу, мүрүсү тик, саны жоон, тырмактары чоң келет. Бөрү, илбирс, ак кийик, боз кийик алат. Ак кепин шалкы кулжага тырмак салганда, ал сүйрөп жөнөйт, сүйрөлүп бараткан бүркүт, бир колу менен айгыр жыгарды кармаганда, колу сөгүлүп кала берсе да, тигил колун коё бербеген өжөр бүркүт деген уламыш айтылат (М.Т) [3].

Экинчи топ – Бүркүттөр. Кыраан куштардын алдынкы катарына, мейли чоңдугу жагынан, мейли алгырлыгы жагынан болсун, бүркүттөр турат. Канаттуулар сынчылыгы бүркүттөрдү сынга толтуруу, ал бүркүттүн түрлөрү ичинен кыраандарын тандоо, аларды үндөктөө, таптоо, илбээсинге салуу жагына нускоо берип турган. Бүркүт узак жашаган канаттуу болуп, ал залкар тоолорго, кенен чөлдөргө байыр алат. Ошого жараша, кыргыз сынчылыгы бүркүттөрдү, жалпы жонунан, тоо бүркүттөрү жана чөл бүркүттөрү деген эки топ боюнча тааныган. Алардын урууларын, түрлөрүн табиятындагы белгилерине карай айырмалаган. Алсак, канат жүндөрүнүн түсү, жүн белгилери, алардын бутунда тешиги болуу, тумшугунда көңөөсүнүн тереңдиги, мурдунда муруту (кылы болуу) жана тоодогу илбээсиндер же чөлдөгү илбээсиндерди алуу, эмнелер менен азыктануу табиятына карай ичкерилей бүркүт түрлөрүн бөлүп чыккан.

Кыргыз канаттуулар сынчылыгы бүркүттүн он нече уруусу жана анын ичиндеги кырктан ашуун түрүн байкаган. Ошол түрлөрдүн ичинен эң кыраан, кыраан, демейдеги бүркүт деген сапаттык даражага айырган. Эң кыраан бүркүттөр:

  • Муз мурут. Муз муруттун тумшук түбүндөгү дем алчу тешигин көңөө дейт жана ошол көңөөсүндө эки же үч тал кылы болот. Башка бүркүттөрдө андай кыл болбойт. Муз муруттун кыраандыгы адам таң каларлык. Муз мурутту салганда, жалаң эле кийик алдырып, эт жүктөп келүү үчүн бир топ адам төө комдоп жетелеп алышар эле. Ошол үчүн муз мурут төө комдот деп атыккан.
  • Ак ийин байчегир. Байчегир ак көз бүркүттүн эки ийнинде топ-топ ак жүнү болот. Көзү сүттөй аппак, жүнү үкүнүкүндөй сары ала. Ар түрдүү аң – мейли карышкыр, мейли түлкү, же элик, жейрен канча учураса да байчегирди сала берсең ала берет. Ошондуктан ак көз байчегирди ак жолтой, ырыска шерик кыраандардан дешет.
  • Карачык. Карачык аттуу бүркүт балапан кезинен эле куйругуна барчындын куйрук белгисин сала баштайт да, таңдайы, тили, көмөкөйү көө сыйпагандай капкара. Шумкарлар сыяктуу төштөк тартып, буту, тумшугу, ителгиникиндей, көзү карышкырдыкындай көпкөк, тумшугу балтадай, жазы кабагы өтө бийик. Карачык жапа чочко, же тоо кийиктерин, мейли карышкырды ала турган болсо, буту сынып кетмейинче колунан чыгарбайт. Мына ошол үчүн кыраандардын өжөрү, жемди канча берсе, ошончо жей берген соргогу дагы.
  • Молор. Кыраан бүркүттөрдүн бири – молор. Башы тооктун жумурткасындай томолок, кичинекей тумшугу канжардай узун, көзү чоктой кызыл, канат-куйругу төөгө комдогон ууктай узун келип, колго кондурганда шумкар сыяктуу типтик олтурат. Чоңураак аңдарды алганында, канчалык кармашса дагы канат-куйругун жерге төмөн оодарылтпай турган кыраандардан. Ал эми кээ бир канаткуйругу келте бүркүттөр бийик жерде түлкү ала турган болсо, аңтарылып кетип түлкүнүн астында калат. Ошондо да, кыраан бүркүттөр тумшуктан кармап алып жата берет. Кээ бир каруусу чамалуу бүркүттөр коё беришет. Молордун тырмагына илинген түлкү эч качан бошоп кетпейт. Ошондуктан, жүгү ообогон өркөчтүү атандар сымал, кошо ообос молор айтылат.
  • Канжыгалуу кара сеңсел. Анын куйругунун үстүнө майда жүн чыгат. Андан башка да, эки капталында калдайган жазы жүнү бар. Ал жүндү канжыга дешет. Ошондон улам, ал бүркүт канжыгалуу кара сеңсел аталат. Түлкүнү жазбай ала турган ак жолтой, эң бир чебер. Кара сеңселди кондуруп чыккан ээси куру кол кайтпайт дешет. Кыраандыгы куштардын арасындагы, тырмагына илингенди кетирбей турган балбан да, жазбай серпе турган шамдагай тынар сыяктуу.
  • Көк камчы берен. Көзү суунун терең ириминдей көпкөк келип, кабагы эң бир бийик. Башка бүркүттөрчө канат жайып калдактап учпастан, кудум көөкөрдөй канат-куйругун кымтып, куюлган бойдон мойнун укуруктай созуп көз ирмегенче түлкүнү илет да, кырдан-кырга бөктөрүп барып олтуруп калат.
  • Ормо. Ормо бүркүттүн тырмагы илингенде кудум ителгиче тумшугу кошо тийип, түлкүнү колтугунан жарып оро-тара жей баштайт. Ошол үчүн оромо аталган.
  • Жарма. Жарма бүркүт бир серпип, текөөрүн малганда, мейли түлкү, же кийик болсун, жарылмайынча калбайт. Ошого жарма бүркүт аталат.
  • Көсөө куйрук көк жал. Куйругу камыштай катуу, кыска келет. Моюн үстүндөгү жогдор жүнүнө аралашып учу ийнедей ичке бир тал кыл кошо чыгат. Ошол үчүн көсөө куйрук көк жал аталат. Мындай бүркүттөрдүн эң эле кичинекейинин буту чоң, алда канча арыштуу, ителгинин буту сыяктуу көк аяк болот. Ал түлкү алат да, бир далай жерге эңип барып конот.
  • Жанбуз. Тап тилебей турган, тойгузуп алып сала берсе, ала берүүчү ырыска шерик кыраан. Жанбуз, майбуз, келтебуз уруулаш түрлөрү бар.
  • Үч кашка. Балапан кезинде кашка куйруктары түбүнөн учуна чейин аппак болот. Ортоңку куйругун кашка куйрук деп коёт. Куйруктун үчөө кашка болот. Жол кашка, чаң кашка деген уруулаш түрлөрү бар.
  • Ур токмок. Өтө балбан бүркүт эсептелет. Капшыра кармаган түлкүнү тили салаңдап оозунан чыгып калганын көрөсүң. Ал бир колу менен түлкүнүн сөгөрүнөн муунта кармайт. Түлкү сойгондо кармаган жерине капкара кан уюп калганын, өпкөсүнүн жарылып кеткенин көрөсүң.
  • Чөгөөл. Бүркүттүн эң кичинеси чөгөөл аталат. Анын кабагы өтө бийик. Аңды тумшугунан орой алат. Түлкү тебелеп сүйрөп жүрсө да коё бербей, бир жагына кыйшайып чыканактап жата берет. Ал кыраандардын өжөрү эсептелет.
  • Келте боз. Төштөк тегерек келет да, жүнү үкүнүкүндөй боз ала, тап тилебеген кыраан бүркүт.
  • Байкашка. Жогдору саргыч куу келип, баш жүнү да жогдоруна окшош, көзү эчкинин көзү сымал ак чаңгыл. Байкашканын дагы бир түрү баатыр кашка аталат.
  • Куу чегир. Көзүнөн адам жалтангандай купкуу, шыйрагы куу шилбинин кабыгы сыяктуу. Кыраандын кырааны куу чегирде кырсык жышааны бар окшойт. Таптап салууга болбойт деп айтышат. Бай чегир, май чегирлер менен уруулаш түрлөрү.
  • Такыр чегир. Көзүнүн тегерегинде кирпиги да, түгү да жок, жыдыткан жаргак сыяктуу. Таптап салууга болбойт деп айтышат.
  • Көңөөлүү сыргак. Көңөөлү сыргактын тумшугуна көзөөдөн ылдый карата кобул салат. Эки-үч түлөгөндөн кийин тумшук кобулдары аңырайып жырылып кетет да, тили көрүнүп калат. Көңөөлү сыргактын буту арыштуу, уурту, көзү эчкинин көзүндөй, канат-куйругу узун балтырына кол батпаган берендерден. Сыргак уруусунда баш сыргак, аяк сыргак, сөөк сыргак, кыл сыргак деген түрлөрү болуп, сыргак дегени башына, куйругунун астына, тырмагынын жонуна тартылган жой, тарткан сым белгилерине карата айтылган. Алсак, көңөөлүү сыргакты баш сыргак деп да атайт. Ал башындагы тумшук көңөөсүнө сыргак белгиси түшкөнү, ал аяк сыргак дегени, тырмагынын үстүнө тартылган жой сыргак белгисине каратылган, ал сөөк сыргак дегени куйруктун алдындагы саңоорунун арасына катуу чыккан карткысына карата айтылган.
  • Кыл сыргак. Бул да кыраан бүркүттөрдүн бирөө эсептелет. Кыл сыргактын куйругунун астындагы саңоор узун жүндүн арасындагы жылкынын туу куйругунан жоонураак; учу томолок бир тал кылы бар. Ошол себептен ал кыраан кыл сыргак аталат. Чайдын жакшысынан таш чайнекке демдеп туруп күн жарыгына кыл сыргактын көзүн чагылдырып караса, ал жалт-жулт этип көзгө сонун көрүнөт. Ушул себептүү ал алтын көз деп да атыккан [4].
  • Чөл сарысы. Оң колунда ширеңкенин талы баткындай тешиги бар. Айла жок кыраан бүркүт.
  • Тоо карасы. Айла жок кыраан бүркүт.
  • Келте боз. Бүркүттүн баатыры, эң кырааны келте боз болуп, табына келгенде, азуулуларды, кайберендерди, канаттуу илбээсиндерди ала берет. Кыраан бүркүттөр:
  • Жылан көз. Башы жыландардын башындай көрүнүп, ал түлкү гана алат.
  • Ур токмок. Бул бүркүттүн да түлкүлүк гана алы бар.
  • Ак кырчоонун бүркүтү. Чөл бүркүтү болуп, түлкүлүк алы бар. Ак жип байлап койгондой анын канатынын сыртында ак жик бар.
  • Керегендүү кара көз. Ал түлкүнү канаты менен чабат да, өйдө учуп, качкан түлкүнү жазбайт. Жайынча бүркүттөр:
  • Алайдын ак көзү. Эчкинин көзүндөй кыткылкыткыл тартып турат, жүндүү, саяңдуу, тыбыттуу болот. 36) Саздын кара чакылдагы. Байкуш, өрдөк, балыкка тап.
  • Ышкынчы. Бүркүттөрдүн эң шордуусу. Ышкындын башын эңип жейт. Энесин ээрчип, табылгасына тең орток болуп жүрө берет.
  • Курт чычаар жумгал бүркүтү. Улам түлөккө олтурган сайын куйругуна кашка белги салат, кызыл жети курт чычат экен. [5].
  • Шөлбөө кара. Кадимки бүркүт сыяктанганы менен, колго кондурганда канаттарын кайчылаштыра албай, ийиндерин ылдый шөлбүрөтүп олтурат. Чабал бүркүт.
  • Ийри кара. Колго кондурганда, куйругу мээлейге жабышып, төшүн ылдый салып (өбөктөп) бөкчөйүп олтурат. Ошого ийри кара аталат. Чабал бүркүт [6].

Бүркүттүн бул аталган түрлөрүнөн бөлөк, кыраан бүркүттү ар бир бүркүтчү бүркүт үндөктөгөндө, ал бүркүттүн өзгөчөлүгүнө карап, бүркүтүнө өзүнчө ат коюп, паландын паланы бүркүтү деп атаган, мисалы, элге ылакап болуп кеткен «Шодокондун бүркүтүндөй» деген сыяктуулар, ар ким ат койгондорду кошкондо, бүркүттүн түрү аябай көп болот. Ал тургай, кээ бир баянчылар бүркүт кырк уруу, алтымыш түр экенин айтат. Толуктап изилдөөнү талап кылат.

Үчүнчү топ – Куштар. «Куш» сөзү чоң жагынан эки чоң мааниде колдонулат: бирөө, жалпы эле канаттууну «куш» атаган маани; дагы бирөө, алгыр куштар деген чоң түр ичиндеги бүркүттөн бөлөк алгыр куштар «куш» аталган. Канаттуулар сынчылыгында, эң алгачында, «мүлүшкер» сөзү жалпыланып айтылуудан мурда, алгыр куштарды үндөктөөчүлөрдү эки бөлүп, бүркүт таптоочуну «бүркүтчү», куш таптоочуну «кушчу» деп бөлө атап келген. Ал эми куш бүркүткө салыштырмалуу олбуру кичи, көрүнүшү келишимдүү, байыр алган жерлери зоолор эмес, багууга сыпайы алгыр канаттуулар куш деген топко бөлүнгөн. Куштардын алгырлыгы майда илбээсиндер болгон. Куштун эркеги «чүйлү» аталат. Ал ургаачысынан кичи, бирок чымыр көрүнөт. Куштун дагы бир жалпы аталышы карчыга болуп, жалпылап «боз карчыга» атайт. Элдик макалда: «Кары билет кааданы, карчыга билет сонону» болуп, карчыга сөзү жалпылашкан. Канаттуулар сынчылыгы куштарды сапаттык сынын талдай олтуруп, эң кыраан куштар, кыраан жана демейки куштар деген сын түргө толтурган.

Эң кыраан куштар:

  1. Ителги. Куштар тобунда (бүркүттөн бөлөк) эң кырааны ителги болуп, демейде айтылышында «ителги куш» деп аталат. Анын чоңдугу бөлөк куштардан айырмаланбайт, канаттары учтуу, мойну кара, тумшугу, буттары көк, жоон, анан кыскараак көрүнөт. Тумшугу бычак, жем басары (текөөрү) болоттой катуу. Жамандары ак көтөн болот, куйругунун алдындагы жүнү аппак келет. Картаңдары да бара-бара ошондой көрүнөт (А. А). Ителгинин үндөккө келиши абдан оор, ал кара көңүл болуп, кыйла машакат менен колго келет. Ителгинин кыраандыгы шуулдап ылдам учушу, болуп да ителгинин эң кырааны кумпайдын канатынан зуулдаган үн чыгып, асмандан жылдыз учкан сымал көз ирмегенче тик сайылып келип тээп өтөт экен да, кайра обого атылып чыгып илбээсинди тээп түшүрүүсүнөн башка кыраан куштардан өзгөчөлөнүп көрүнгөн. Ителгинин «тегирмен ташын бөлө тепкен» деген уламышы айтылат. Ителгинин башка кыраан куштардан бөтөнчө кыраандыгы, бир жолунда ондон артык тоодак, көгүчкөндү тээп түшүрөт. Ал жайыла учкан бир топ көгүчкөн же тоодакты асманда үйрүп, тосоттоп туруп бирден тебүү, ал тургай, үйрүп айылга айдап келип тээп түшүрүү, соңунда бирди баса түшүп жем кыла турган артыкчылыгы болгон. Ал өзүнөн алда канча чоң бүркүткө сес көрсөтүп, андан өзүн коргой алат. Ителгинин уясын бүркүт тооруса, ал кумпайын (ителгинин баатыры) баштап келип, бүркүттү качырган. Кээде кумпайдын болот текөөрү тийген бүркүттүн жаны чыгып, далдайып кулап түшкөн (Ч. И.) Ителгинин көзүнөн ылдый кара тагы болот. Эмнеге кара так түшкөн дегенге, тегирмен ташын жара тепкен мелдеште утканын эсеп кылбай койгонуна арданып ыйлап жүрүп так түшкөн деген уламыш айтылат.
  1. Шумкар. Ителгиден шумкар чыгат. Шумкардын тумшугу учу-түбү бирдей жоон, терең кабак, көзү бажырайып чоң, канатын өөдөтөн кайчы чалып кондурганда, колго типтик олтурат. Актан чыккан шумкардын бир түлөгөндөн кийин боору мончоктой ак чаар, сырт жүнү мончоктой көгүш чаар келет. Ошол саңоор жүнү кебездей ак. Ал эми карадан чыккан шумкардын сырткы жүнү, куйругу кундуздай кара, төш жүнү кекиликтикиндей кооз, кара чаар, анан куйруктун астындагы аппак саңоор жүнүндө саймадай муунак-муунак карасы бар. Өзү кичинекей өңдөнгөн менен, колго кондурганда салмактуу келет. Канат-куйругу камыштай катуу, жай олтуруп таранып-силкинсе калдырттаган катуу добуш чыгат.

Шумкардын эң кыраандыгы, ал таамайлап башка тепкенде, коёндун эки көзү тостоюп, башы ташка жанчкандай талкаланып калган. Ал эмес, кээ учурда шумкар бүркүттү да тээп өлтүрөт. Шумкар уя салып, жумурткалап балапан чыгарган маалда кокусунан бүркүт уясынын тегерегине жакын келип калса, анын ажалынын жеткени.

Айтмакчы, шумкардын баары эле кыраан боло бербейт. Жаманы да чыгат. Андайлардын жүн белгилери кадимки шумкардын так өзүндөй болгону менен, төшү кулаалынын төшүндөй кууш, жүнү жумшак, силкингени бош, тумшугу ичке быйбык келет. Анын аты шумкар болбосо, кыраандыгы жокко эсе (Ч .И.)

Шумкар түрү. Шумкар эң кыраан, сыпайы, келишимдүү куш болгондуктан сынчылар шумкарга көбүрөөк назар салган. Шумкарды кыргыздын жогору катмары тутунган. Шумкардын биринчи сынчысы Манастын уулу Семетей болуп, ал даңазалуу Ак шумкарды жан жолдош, ооматынын төлгөсү катары тутунган. Ошондон уламдыр шумкар сынчылыгы абдан барктуу болуп, шумкардын түрлөрүнө көп көңүл буруп, кыл айырмалаган. Ал канаттуулар сынчылыгы шумкардын мындай түрлөрүн белгилеген (түрлөр Ч. Иманкулов, А. Акматалиев боюнча).

  • Каса шумкар. Аны туура балдак каса шумкар айтышат.
  • Күйкө шумкар. Боору менен сырткы жүнү күйкөнүкү сыяктуу кызыл чаар келет. Саңоор жүнү эч бир бедерсиз бозомук ак. Эми күйкө шумкардын буту жумурткадан чыкканда эле сапсары болот. Ошол үчүн ал күйкө шумкар аталат. Чөлдүү жерде эрсиңар аттуу бозомук чымчык жашайт. Аны кыргый, же турумтай, мейли жагалмай болсун эч качан ала албайт. Анткени, эрсиңар жазгырганга да маш, кубаласа да жеткирбей кете берет. Мына ошол сасык үпүп менен эрсиңарды жалгыз гана күйкө шумкар алат.
  • Чын шумкар. Сылаган сайын жүнүнө чаң жугуп калгансып силкинмейинче койбойт, жүнү шуудурап таза. Ошондой учурда уйкудагы адам ойгонуп кетиши да мүмкүн.
  • Таза шумкар. Кызыл чаар, көк чаар болуп бөлүнөт. Алардын мүнөзү жакшы, тапка да бат кирет.
  • Сүртмө шумкар. Тумшугунан кежигесине дейре бирдеме сүртүп койгондой көрүнөт. Өзүнөн өзү эле жылтылдап турат.
  • Көсөө шумкар. Капкара шумкарды ушундай атаган. Ал аябай кара мүртөз, мыкты мүлүшкер айла менен араң тапка киргизет. Анын куйрук канаттары катуу келет.

Темир калдыркан өңдөнөт.

  • Байпактуу шумкар. Буту жүндүү, куш мүнөздүү болот.
  • Мойноктуу шумкар. Мойнунда көк ала белгиси бар

(А. А.)

  • Сөөк шумкар. «Кээ бир ителгилердин бала кезинде жүнүндө шумкарлык белгилер болбосо да, баш аягы, бой келбети келишимдүү келип бир түлөгөндөн кийин эле шумкарлык белгилери кадимкидей байкала баштайт, аны сөөк шумкар дешет» (Ч. И.)
  1. Ылаачын. Куш кырааны – ылаачын. Ылаачын ителгиден кичинекей, буттары кууш, ителгилерден алда канча арыштуу келет. Жүнү түлөк шумкарлардыкындай өтө кооз жана курч темир сыяктуу, катуу. Ылаачындын чоңу орточо ителгиге жакын болот. Көп түлөгөн ылаачындардын жүнү таш түлөк куштай эң бир кооз, майда чаар. Кыраандыгы, ылаачындын канатынын күүсү угулганда, карга, таандар аргасыз түп бадалдарга корголойт. Учуп жүргөндөрүн канча болсо ошончосун бирден тээп түшүрүп кете берет. Ал карышкыр сыяктуу жегенине эмес, тепкенине кубанат. Ылаачындын өтө кырааны кумпай, андан кийинкиси шумпай аталат. Алар каркыра, каз, тоодак, куу сыяктуу ири канаттууларды алчулар болот. Булар ителгилерден катуу, узакка тапталат. Ылаачынды абдан табына келтирип салбаса, алганда айнымайы бар. Эгерде ал торго кармалган болсо, күнүнө бир гана жолу салып, алган аңынын этине тойгузуп байлап коюш керек. Эгер кан чокутуп туруп, кайра экинчи сала турган болсо, анан аңды ала албай калса, өзүнүн учкулдугуна ишенип алда кайдан көрүнгөн карга, таандарга тез эле жетип бирөөнү тээп түшүрөт да, чаап кете берет. Ошондо адашып таба албай калууга да мүмкүн. Ал жем жеп талаага түнөп калса, ителги сыяктуу экинчи колго оңою менен түшпөйт [7]. Ылаачын түрү: Кара ылаачын, кызыл ылаачын, тоо ылаачын болот.
  1. Кыргый. Түсү кара күрөң келип, жашаганча көгүшүнө чалат. Көзү кызыл, куйругу узун, чалгыны кыска болот

(М. Т.) Эң кыраан куштун бирөө кыргый. Кыргыйдын учушу абдан ылдам, «кыргыйдай зыпылдап» дегендей ыкчам болот. Кыргыйдын тумшугу ичине ийи-

лип, курч болот. Ал уусун теппей кармап, тумшук бычагы менен мууздап

жиберет. Кыргыйдын чоңу кекилик алууга жарайт. Кыргый, көбүнчө, бөдөнө, чымчык алууга тап болот. Кыргыйдын эң чоңу кекилик алат. Кыргыйды мүштөктөп (уучтап ыргытып) күүлөп коё берет. Томого катылбайт (А. А.)

Эл оозунда: «Кыргый кыпты кандырат, \Турумтай көздү талдырат…», «Кыргыек деген кыраан куш, \ Кыр ташка келип конгон жок…». «Ылаачын чымчык качырат, \Ырдасам үнүм ачылат…».

Кыраан куштар:

  1. Жагалмай. Жагалмай көзү саргыч, тумшугу көк, колу сары (М. Т.), чалгын канаттары узун жана учтуу, түсү темгил кара, көгүлтүр келет (А. А.) Жагалмай учкулдугу жана тапка кириши жагынан ылаачынга окшош. Ал чымчык, чычканга тап келет. Эгер аны таптап салса, чымчыктар дыркырап чөп же куурайга түшө качышат. Ошондой учурда ал кыргый, турумтай сыяктуу чымчык менен кошо түшпөстөн кайтып чыгат дагы башка жактан көрүнгөн чымчыктарды алыс-жакынына карабай кууп кете берет. Андыктан жагалмайды салууга болбойт (Ч. И.)
  1. Турумтай. Турумтайдын көзү кара, тумшугу көк, буттары көөкө ыктуу, канат-куйругу тегерек, түсү боз (М. Т.) Турумтай бактектен кичирээк, тогологураак келип, буттары кыска болот. Бул торгойго өч. Үндөккө «туутуу, турумтай, туутуу, турумтай!» – деп чакырат (А. А.) Турумтай күйкө, ителгилердин урук-журугу саналат. Кекилик, чил, таан, сагызгандарды ала берет. Турумтай ителги сыяктуу эмнеге жолукса ошону ала берет. Керээли кечке салса талбаган, тап тилебеген кыраандардын бири (Ч. И.)
  2. Үкү. Алгыр куштардын ичинде үкү эң байыркы (бүркүттөн мурда) кыраан куш болгон экен. Ал тургай, бүркүткө кол сала турган кайрат, олбур үкүдө болгон. Үкү түнкү чабытка чыгат, күндүз эчтеке көрбөйт. Үкүнүн сасык үпү, бабырган, байылуу деген түрлөрү болгону менен, алар кыраан катарына кирбейт. Ал кыргыз уламышында, карчыганы үкүдөн чыккан, үкү баккан урпак катары айтышат. Үкү ошолордун кырааны болуп, аны кадимки кыраан куштай таптайт. Үкүнү да уясынан темир канат балапан (талпынды) кезинде кармап келинет. Ал тапталгандан кийин «теминди» кези болот. Үкү негизи коёнго тап. Аны куштай таптап, томого катып, коён алдырат. Жапалак (телик куш) кээде үкү жапалак аталат.

Шыбак, кызыл от өңдүү чөптөрдүн түбүндө уктап, жерге жалпайып жата берет (А. А.)

Үкү уламышы: Үкү түндөсү көзүнө жылтыр учураса, аны терип уясына таштаган, ошого үкүнүн уясында алтынкүмүш болот имиш. Үкүнүн уясын тапкан киши, анын жумурткасын уурдап келип, аны бышырып, кайра алып барып уясына салып койсо, муну басып чыгара албаганда, мээр чөп (киши гия) же көхар алып келип, жумурткага кошо чайкайт имиш. Ошондон байлыкка жетишкен (М. Т.)

Үкү түндөсү уктап олтурган бүркүткө жолукса жемсөөдөн алып, жарып таштайт. Күндүз бүркүт үкүнү көрбөсүн, экөөнүн өчтүгү жеринен бар (А. А.) деген кыргыз ичиндеги айтым, илимий жоромолдо да, интернет маалыматында: «Үкү жер бетине нече миллион жыл мурда пайда болуп, канаттуулардын кырааны катары жер бетине таанылып, жемди эркинче чабыттап жеп талашары жок жүргөн кайсы бир кезде, бүркүт жер бетине жаралган экен. Ал үкүдөн алда канча күчтүү, учуусу ылдам, көзү курч болуп, үкүнүн жашоосу бүркүт келгенден кийин кыйындашып, кадыресе, жем бүркүттөрдөн ашпас болуп калганда, алар менен айыгышып көргөн үкүлөр жеңилип, жем талашууга чамасы келбей калат. Ошондон үкүлөр чабыт маалын түнкүгө өзгөртүп, бүркүт түнү уйкуга кеткен маалда булар чабытка чыгып, жан сактап калат. Бирок бүркүттөр жем талашпаганы менен мурдагы кекти үкүнүн уясындагы балапандарын байкаса эле, кырып салмай адатты кармап калат. Ошондой ата кектен улам, үкү да түндөсү уктаган бүркүттү көрсө эле, жемсөөдөн алып, жарып таштайт экен. Алардын бири-бирине кол салышы, жемдик үчүн эмес, ата кек тутунганы экен» дегени менен, кыргыз эл ичиндеги үкү уламышынын төп чыгышы, кыргыздын табиятка сересеп салган кыраакылыгы эмики илимий жоромол менен ашташып турганына дагы бир жолу таң калса болот.

Үкү ырымы: Үкү ыйык жандар катары каралат. Үкүнүн саңоорун байлануу адаты калыптанган. Үкү түндөсү албарсты, шайтандын от жагып олтурганын көрүп, аны алат деген жорум бар (А. А.) Болуп да анын байылуу түрүн абдан ыйык эсептейт. Ал эми үкүнүн уңкуш түрүнүн ырымы абдан оор, ал кара жолтой, жолу катуу куш. Уңкуштун үнү чыккан тарапка жалын чычала ыргытат. Ал конгон дарак куурап калат дейт (М. Т.)

Үкү эл оозунда: – Билек го, билек, күч кандай, үкүм – десе, – Ү деген үн бар, \ Үксөйгөн менде жүн бар, \ Балбылдаган көз бар, \ Баатырсынган сүр бар,–деген.

«Кайратың кабат көрүнөт,\ Жандан коркуп качпайсың»

(Т. М.)

Демейки кыраан куштар:

  1. Күйкө. Кыргыйдан бир аз кичирээк, кыргый түспөлүндө келет. Сырты кызгылт сары, үстү чаар көрүнөт. Тумшугу кыраандардай ийри, бирок анчейин болуп кетпейт. Кабагы кыргый кабак эмес, өзүнчө күйкө кабак болот. Текөөрү көп билинип кетпейт. Томого катылбайт. Күйкөнүн көзү курч. Күйкө чычкан алууга тап. Ошого күйкөнүн бир аты «чычканчы» аталат. Күйкө балапан баккан кезде, «окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, бир күйкө балапанына бир айдын ичинде эки жүздөй чычкан алып берет» Күйкөнүн бутунда кытыгысы болот, уусун алып, бирок колунан чыгарып жибермейи бар (А. А.) Күйкөнүн кырааны – таканак (М. Т.)  Күйкөнүн кыраанынан бир түрдүү шумкар чыгат. Ал күйкө шумкар аталат. Көлөмү күйкөдөн чоң келип, кызыл эмес, кут кучкар болот. Кекилик, чил, көгүчкөн ала берет.
  1. Сагызган. Сагызгандын түсү ала болуп, ала сагызган жана сай сагызган деген түрлөрү болот. Ийри тумшук эмес. Тумшугу менен чокуп азыктануучу канаттуу болуп, канаттуулар сынчылыгы сагызгандын сугалактыгы, чокуу күчү бөтөнчө экенинен байкап, аны үндөктөө, таптоо аркылуу алгырлыкка көндүргөн. Сагызгандын табиятында илбээсин алуу, алгырлык жөндөмү болбойт. Сагызганды үндөктөө башка алгыр куштарды туурап киши колдуу кыраан куш кылып чыгарат. Сагызганды алгырлыкка үндөктөөдө, атайын кийиктин кебин жасап, кийиктин көзүнө эт байлап, күндө кептин мүйүзүнө кондуруп, ошол кептин көзүндөгү этти чокутуп каныктырылат. Кепти улам тир ордунда алыстатып коюп, ага үндөктөгөн (таптаган), сагызгандын томогосун алганда, дароо жетип, эки мүйүз ортосуна конуп көз чокума болот. Кийин чындап аңга салганда да, кийиктин улам бир көзүн чокуп, кийикти кашак кылып салганда, ээси барып уусун алат.
  2. Борбаш. Чымчык арасынан да чымчык алып жечүлөр чыгат. Ал эки түрлүү борбаш аттуу чымчык: бири − кызгылтым, бири − карала. Башка чымчыктарга караганда булардын тумшуктары борбуюп жоон. Ошол үчүн борбаш аталат. Ал адамдын колун да, кансырата чокуйт. Чымчыкты буту менен сермеп албастан, тумшугу менен мойнун сындыра чокуп өлтүрүп, анан ача бадалга кептеп туруп жей берет (Ч. И.)

Борбашты үндөктөө башка алгыр куштардыкы менен окшош. Кыргыз сынчылыгы борбаштын чокуу күчүн баамдап, бирок чымчыктын күчү жетет деп ойлобогон ууга салган. Борбашка кийик алдырган. Ага «уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» айласын иштетип, үндөктөө кезинде кийиктин кебин көрсөтүп, анын көзүн чокутууга «уяда» (үндөктө) машыктырат. Табына жеткенде, томогосун алып шилтегенде кийиктин башына (эки мүйүз ортосуна) конуп, ал да сагызган сыяктуу кийиктин улам бир көзүн чокуп, кашак кылып салганда кушчу барып кийикти алат.

Борбашка эл айтымы: Борбаш деген куш экен, \ Мүлүшкери жарашса, \ Түлкү алуучу ушу экен. \ Тырмагы этке тийбеген, \ Тумшугу менен ийлеген, \ Колу канга тийбеген, \ Каруусу менен ийлеген», ал анын тырмагы кан болсо, өзү өлүп калат имиш (М. Т.)

  1. Аладунган. Түсү ала-була, сыртынан бир жери көк, бир жери ак «көгала» алгыр чымчык болуп, чоңдугу борбаштай келет. Таптоосу, үндөктөөсү борбашка окшош (А. А.) Үндөктөгөндө кийиктин кебин жасап, анын көзүн чокутуп машыктырат. Кийикке шилтегенде, аладунган чымчык кийиктин көзүн чокуп, кашак кылат, кушчу кийикти кармап алат.
  2. Кулаалы. Көк кулаалы жана боз кулаалы деген түрлөрү бар. Саргыч күрөң же көгүш түстөгү кыргыйдан чоңураак алгыр куш (КОС). Кулаалы жайбаракат делбектеп учуп жүрүп ыгы келе калганда кекилик, чил, чымчык ала коёт. Кулаалынын таманында кытыгысы болуп, көбүнчө кармаганын коё берет экен. Кулаалы, аксары байкөбөк, бөктөргөлөрдүн тукуму өтө көп (Ч. И.)

Эл оозунда: «Канатууну карасаң,\ Эң жаманы кулаалы,\ Коё берет алганын,\ Жүрөгү жок урганы» (М. Кылыч «Керме Тоо»)

  1. Бөктөр. Түсү көк, же боз келип, канатынын учу ак же чум кара, куйруктун үстүндө балдак агы бар. Чымчык сыяктуу жандарды алып жейт. Бөктөрдү таптаган адам жок (М. Т.)

2-§. Түсү

Канаттуулар сынчылыгы канаттуулардын түсүнө карап алардын түрүн ажыратуу, кыраандыгын, жашалгасын айырмалоодо түсү сынга толтуруучу чендин бирөө болгон. Канаттуулардын түсү алардын үстүндөгү жүнүнөн, бут, тумшуктарынан, көзүнүн түсүнөн көрүнгөн. Алардын жүнү канат-куйругу жана саңоору болуп, ал моюн, жон, өөк жүндөрү саңоор жүн аталган, саңоору жумшак, тыбыттуу болгон. Тигил канат-куйругу катуу, узун, ал эки капталындагы, куйругундагы «Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот» дегени, куштун (канаттуунун) он чалгын (канат), он эки куйругун көрсөтөт. Канаттуулар сынчылыгы куштардын ошол саңоор жана канат-куйругунун түсүнө, алардын бут-тумшук түсүнө тыкыр сересеп салып, аларды бири-биринен айырмалап таануу, бирибиринен кыраандыгын байкоо, куштардын жашалгасын (жашын) билүүнүн сын чени кылган.

  1. Түсүнөн түрүн айырмалоо. Бир тукумдагы куштардын түсү окшоштугунан алардын тукумдаштыгын (бир уянын тукумунан чыкканын) билген. Мисалы, байкөбөк, бөктөргө, кулаалылар куш, чүйлү, кыргыйдын урук-тууганы сыяктанып өңү түспөлдөш, көзү чекир, аксары келет (Ч. И.). Жагалмайдын чалгын-канаттарынын түсү темгил кара, көгүлтүр келет, ак жип байлап койгондой анын канатынын сыртында ак жик бар (А. А.) деген сыяктуу түстөрүнөн бири-бири менен айырмаланарын сынчылар ээлеген.
  2. Түсүнөн жашалгасын билүү. Сынчылар канаттуулардын жашын алардын ар бир жазгы түлөөсүнөн эсептей алган. Ар жылы бир жолу түлөгөндө, алардын жүн түсүндө жашалга белгилери көрүнгөн. Ошого канаттуулардын жашалгасын «түлөк» сөзү менен туюнткан. Жумурткадан чыккан балапан кезин ар он беш күндүк жүнүнө карай, ак күп, темене канат, карала, тегерек атап, кырк беш күндүк кези балапан маалы эсептеген. Андан кийин алгачкы түлөгүн бозум, андан кийинки түлөгү (жылы) таш түлөк, андан кийинкиси кум түлөк, андан кийинкиси ным түлөк болуп, жашалгасы эсептелген. Андан кийинки жашын, бодо малдын төрт жашы «быштыдан» кийин «бир асый» деген сыяктуу канаттуулардын төрт жашынан кийинкисин «бир барчын» атап, барчын сөзүнүн алдындагы аныктоочу канча сан болсо, канаттуунун жашы ошончо болгон. Бүркүт барчын болгондо, агы кетип, жүндөрү карага айланып (А. А.) түсү токтойт экен. Демейде куштун көзү сары болот экен да, улам жашы улгайган сайын кызылга өзгөрө баштаганынан улам анын көз түсүнөн канча түлөк болгонун эсептеген.

Түсүнөн кыраандыгын тандоо. Сынчылар бир уядагы бир канаттуунун жумурткасынан ар түстөгү канаттуу чыгарын баамдаган. Мисалы, бир уядагы жумурткадан кара-ак ителги болуп, эки түстө чыгарын, ал ак ителгинин жумурткасынан ак шумкар чыгарын, ал ак шумкар кара шумкардан алда канча кыраан болорун сынчылар билген. «Өзү ак, көзү карадан шумкар туулат, өзү кара, көзү көктөн шумпай туулат» (А. А.) – деп кесе айта алат. Канаттуулардын кыраандарынын түсүн мындай белгилеп айткан: Туйгун түсү – аппак; андан кийинкиси, тунжур аталып, түсү – көк ала; андан кийинкиси, тонор аталып, башы – сары; андан кийинкиси, тынар болуп, башы – сары, өзү кара болот. Ушундай түсүнөн кыраандыктарын белгилеген. Ал көмөкөйү кара алгыр өтө күчтүү келет деп тааныган.

3-§. Күчү

Канатуулар сынчылыгы алгыр куштардын күчүн сынга толтуруп, аны алгырлыктын чени кылган. Алгырлардын күчү алардын канатында, бутунда, тумшугунда, көзүндө болорун баамдап, ошолор аркылуу алардын кыраандыгын сынга толтурган.

  1. Күчү канатында. Сынчылык алгыр куштардын канаты алардын күчүн белгилөөчү тараза кылган. Кушту куш кылып учурган анын канат-куйругунун күчү экенин сынчылар мыкты өздөштүргөн. Кыраандарынын канаткуйругу учтуу жана катуу болуусун кыраандык өлчөмү катары караган. Алсак, бүркүттөрдүн эң кырааны молордун канат-куйругу төөгө комдогон ууктай узун болуусу менен башка бүркүттөрдөн айырмаланган. Ал эми кээ бир канат-куйругу келте (тегерек) бүркүттөр бийик жерде аң ала турган болсо, аңтарылып кетип түлкүнүн астында калган. Куш ичинде эң кырааны ителги, шумкар, жагалмайлардын канаттары учтуу, канат-куйругу камыштай катуу, темир калдыркан өңдөнөт (шумкардыкы). Ал ылаачындын канатынын күүсү угулганда, карга, таандар аргасыз бадалдарга коргологон. Сынчылардын: «Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот» деген сөзү элдик макалга айланган. Куштардын канат-куйругун тал-тал чалгын түзөт.

Чалгын. Кушту учуруп жүргөн канат-куйрук куурсун жана ага жабышып турган жарпы канат аталат. Канаттуунун канат-жүнү каптырга деген канат мүрүлүгүнө ашталып турат. Канат-жүн жалпы жети касабаланып жабдылат, башынан куйрук жакка карай касабаланып турган канат жүндөрү: жогдор, жамгырлык, эрге, мерке, жерге, чалгын (бештен он чалгыны болгон), куйрук (он эки куйрук) аталган. Он чалгын эки капталда бештен жайгашкан да, беш чалгындын аталышы четки чалгындары «кылыч чалгын» калгандары орто чалгын аталган. Сынчылар кыраандардын ошол касабаланган канат-жүн курамдарынын кандай жетилүүсүнө, алардын үрпөңкү, катуу-жумшактыгына карап кыраандыгын сындан өткөргөн. Алгыр куштар кармалганда, мейли балапан кезинде (темир канат) болсун, же жетилген кезде кармалсын чалгындарынын сынып кетпөөсүнө бөтөнчө көөн буруп, колго түшүшү менен, сызмага, ороочко чуктап таңып алган. Туурга олтургузарда (алгачында) канатын кагып чалгынын сындырып албоого этият болгон. Эгер кокустуктан кайсы бир чалгыны сынып кетсе, аны кайра бүтөгөн менен да, сынган жери «кан куртка» айланып, морт болуп, дайыма сынма болгон. Ошого чалгыны сынган кыраан жараксыз болоруна сынчылар кабатырланган.

Куйрук. Канаттуунун көчүк жагына бүткөн чалгындары «куйрук» аталган. Куйругундагы чалгын талы он эки болуп, канат чалгынга караганда, куйрук чалгындары кыска, ичкерээк, канат чалгындай учтуу эмес, тегерек тартып, конууга эпкейленген. Бирок жумшак эмес, чалкасынан кетпөөгө өбөк болорлуу катуу болгон. Кыраан алгырлардын демейки алгырлардан айырмасы канат-куйругу абдан катуу келип, туурда комдонуп түз олтурарын, ал тургай, кээ бир өтө кыраан бүркүттүн куйругу он үч тал болорун байкашкан. Айтор, канаттуунун күчүн теңсеген сынчынын: «Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот» деген сөзү эл макалы болуп калыптанган. Сынчылар алгырдын (бүркүт, куштун) куйругундагы, болуп да ортоңку куйруктун ак түсүнө көп баам салган. Ортоңку куйругу ак бүркүттөр кашка аталган, алсак, бай кашка, деген сыяктуу аталыш куйруктагы кашкалыкка карата айтылган. Куйрукка сыргак түшкөндөрү, куйруктун жарпы канча кең болсо, ошончо кыраан болорун байкаган. Бүркүттөр жаш кезинде жарпы абдан кең, тирмел болгон да, жашанган сайын жарпы шүйүгөн.

Кыш куйрук. Куйруктун түп жагынын как ортосунда эмчектин топчусундай чоңдукта «кыш куйрук» аталган майлооч куйрук болот. Бүркүт дайыма ошол кыш куйрукка тумшугун жанып (кашып), анын ичиндеги майды тумшугуна сүртүп алган соң, ал май менен чалгын, куйрук жарпын майлап асырайт (К.К).

Жогдор. Бүркүттөрдүн мойнунун сырт жагындагы узун жүндөрү жогдор аталат. Кээ биринин жогдору кыпкызыл, кээсиники саргыч кызыл, кай бириники купкуу болот. Чанда бирөөнүкү каралжын тартып каркыраныкындай ичке келет да, башынын жүнү капкара болот. Башка бүркүттөрдүн баш жүндөрү өзүнүн жогдор жүндөрүнө түспөлдөш. Кээ бүркүттүн жогдор жүнүнө аралашып учу ийнедей ичке бир тал кыл кошо чыгат. Жогдор жүнү үрпөйүп жатпай турган кыраандар күчтүү келет. Жап канаттын жамгырлыгы жабышып турбай коомай турат.

  1. Күчү бутунда. Канаттуулар сынчылыгы алгыр куштардын бут күчүн сынга толтурган. Ал бут күчүн санынын жоон-ичкелиге, жем басарынын, текөөрүнүн базмырттыгы, тырмагынын матырылышы (бекем кармашы), шыйрактарынын шадалуу-кыскалыгына карап, алардын кыраандыгын чендеген.

Саны. Канаттуунун кыраандык күчүн анын санына карап чендеген. «Балбан бүркүттөрдүн саны жоон, санынын түбү бир тутам, эки эли, үч элиге жетет» (А. А.) Кээ бирөөнүн бутунда тешиги, кыры болот.

Жем басары. Бутундагы бармагын «жем басары» деп атаган. Жем басары күчтүүлөрү баскан илбээсинди коё бербей кармаган. Жем басары менен басып туруп, тумшугу менен чокуп жемин (олжосун) жеген.

Текөөрү. Канаттуулардын бутунда «текөөрү» деп аталган, арналуу тебүүгө ылайыкталган бир манжасы бар болуп, тебүүчү ошол бутундагы текөөрүнө таянган. Текөөрүнүн катуу-жумшактыгына карап кыраандыгы билинген, кыраандын текөөрү аппак болоттой болгон. Кыраандыгы буттун күчүнүн тебүүсүнөн көрүнгөн. Куштардын эң кыраандары (бүркүттөн бөлөк) илбээсинди тээп алган. Ал тургай, «ителги жүрүп турган тегирмен ташын сындыра тепкен» деген уламыш элге жайылган. Ал шумкар коёнду башка тепкенде, эки көзү тостоюп, башы ташка жанчкандай талкаланып кеткен. Куштун тебүүчү кыраандары (ителгинин тобу – шумкар, ылаачын ж.б.) чоңунан куу (ак куу), тоодак, улар сыяктууларды удаа нечени тээп түшүрө алган.

Тырмагы. Кыраан канаттуунун дагы бир аталышы «тырмактуулар» болгон. Буттун күчү канаттуулардын тырмагын матырышынан байкалган. Бүркүттүн дээрлик көбү илбээсинди теппей, тырмак салып мычкый кармайт. Бүркүт кайберенге (аркар кулжа, кийик, жейрен), түлкүгө тырмак салып кармаган. Бүркүттүн өзгөчө кыраандары бодо малды тырмак салып аткып, асманга көтөргөнү боюнча уламыш көп айтылат. Ал бөрү, түлкү сыяктуу азуулууларды кармаганда, аларга каптырып албай, бир буту менен куймулчактан, бир буту менен тумшуктан капшыра кармап, тумшугу менен алардын тилдерин чокуп басып жаткан. Кыраандардын капалыгы кармаса, мүлүшкөрдүн тери мээлейинен теше өткөрүп мыкчыган.

Тырмактын кончу деп аталган тырмак түбүнүн түсү кандайлыгына карап, кыраандык даражасын белгилеген. Тырмак кончу кызыл болсо, «кан кыргын» кыраан болгон. Алгырдын жашы улгайган сайын тырмагынын курчу кете баштаган. Алгырдын тырмагы түндүк тырмак жана түз тырмак деген эки түрдүү болгон. Түндүк тырмак ичке көп ийилип ийме тырмаккты көрсөтсө, түз тырмак түндүк тырмакка окшош иймек келбей, салыштырмалуу түз болгон. кыраандык жагынан түз тырмак аталган алгырдын, аткуу арышы күчтүү болгон.

  1. Күчү тумшугунда. Сынчылар алгыр куштардын тумшугун сынга толтурган. Алгырлардын дагы бир аталышы «тумшуктуулар» болгон. Тумшугу алардын алгырлык куралы эсептелип, илбээсинди өлтүрүү, жемин жеш бүт тумшук күчү менен иштелген. Алгыр куштардын тумшук өзгөчөлүгү – тумшук түсү, тумшук көңөөсү, ийри тумшук, түз тумшук болгон. Ошол өзгөчөлүктөрү менен, бир-биринен айырмаланган жана кыраандыгы байкалган.

Тумшук түсү. Алгыр куштардын тумшук түсү аркылуу сынчылар аларды айырмаландырган. Мисалы, кыраан тынардын тумшугунун үстүндөгү сарысынын сыртында сыя тарткандай капкара тагы даана көрүнүп турат деген сыяктуу демейдегиси менен кыраанын тумшук түсүнөн айырган.

Ийриси. Алгыр куштардын тумшуктары бүт ичине ийри болуп, ошол ийриси бычактай курч болгон. Кээ бир кыраан куштар мисалы, кыргый, турумтай сыяктуу ийри тумшук алгырлар, тирүү жандарды (көбүнчө, көгүчкөн, чымчыктарды) теппей, ага жабышканда эле дароо тумшугу менен мууздап жибере алган. Кыргыз сынчылыгы «ийри тумшуктуу» алгыр куштардын ырыска шерик, аң алып берүү өзгөчөлүгүн жөн турмушка колдонуп «ийри тумшук» деген идиоманы калыптандырып, ырыскыга кенелгенди «ийри тумшук неме» деп маани чыгарган.

Ал эми демейдеги канаттуулардын тумшугу түз болгон. Сынчылар ошол түз тумшук канаттуунун ичинен да чокуш жөндөмү бар, алгырлыкка таптаганга боло тургандарын тандай алган. Мисалы, сагызган, борбаш сыяктуул түз тумшуктарды таптап, өндүрөшкө салган. Ал тургай аларды таптап боз кийик алдырган.

Көңөөсү. Кыраан куштардын кээ бирөөнүн тумшугунун түбүндөгү дем алчу тешигин көңөө дейт. Алсак, көңөөлүү сыргак аталган кыраан бүркүттүн тумшугуна көзөөдөн ылдый карата кобул салат. Эки-үч түлөгөндөн кийин тумшук кобулдары аңырайып жырылып кетет да, тили көрүнүп калат. Муз муруттун, тынардын тумшук түбүндөгү көңөөсүндө эки же үч тал кылы болот. Муруту тумшук үстүнөн кайчы өтүшүп, көңөөнүн дем алчу тешигин жаап турат. Ал куштан ителгинин көзүнөн ылдый кара так болот. Эмнеге так түшкөн дегенге, «тегирмен ташын жара тепкен» мелдеште утканын эсеп кылбай койгонуна арданып ыйлап жүрүп көз жаштан так калган деген уламыш айтылат. «Баш сыргак деген бүркүттүн таноосу жырык» (А. А.). Сыргак дегени темгек, кобул болуп, ал тумшуктун көңөөсүнө түшсө, баш сыргак, көңөөлүү сыргак аталган.

  1. Күчү көзүндө. Канаттуулар сынчылыгы алгыр куштардын көзүн сынга толтурган. Алардын көрүү жөндөмүн алгырлык катары эсептеген. Сынчылар алгыр куштардын алысты көрө алышын, кабагын, көзүнүн түсүн, карегин сынга толтуруп, кыраандыктарын көзүнөн айырмалаган. Ал тургай, адамдардын көз айырмасын кыраандардын көзүнө окшотуп, «ителги көз» (кулак жагына сүйрүкөй), «кыргый көз» (сурмалуу, тик көз) деген окшотууларды колдонгон.

Көрүшү. Канаттуулардын жашоосу көзүнүн курчтугунан экенин сынчылар баамдаган. «Бүркүттүн көзүндөй» деп, көрөгөндүккө бүркүттүн көз чабытын чен кылган. Бүркүт асманда чабыттап бара жатып, канча миң метр бийиктен жердеги илбээсинди көргөн. Ал куштун демейдегиси болгон күйкө жерде жөргөлөп жүргөн чычканды таамай көрүп сермеген. Болуп да кыраан куштардын көзү абдан курч болорун сынчылар сынга толтурган.

Көз түсү. Сынчылар алгыр куштун көздөрүнүн түсүнө карай бир-бирин айырмалаган. Кадыресе көзүнүн кандай түстө экенине карап кыраанын тандаган. Мисалы, сынчы ителгинин «өзү ак, көзү карадан шумкар туулат, өзү кара, көзү көктөн шумпай туулат» деп өкүм айткан. Көзүнүн түсүнө карап бүркүттү түргө бөлгөн. Мисалы, Байчегир ак көз бүркүт деген кыраандын көзү сүттөй аппак экенине карап ошондой ат койгон. Ал «Алайдын ак көзү» эчкинин көзүндөй кыткыл-кыткыл тартып турат (А. А.) деген сыяктуу сынчылар кыраандардын көз түсүнөн түрүн айырган.

Көзүнүн түсүнө карап алгыр куштардын жашалгасын белгилеген, алсак куштардын көзү жаш кезинде сары болгон да, улам жашы чоңойгон сайын (түлөк саны арткан сайын) көз сарысы кызара баштаган. Ал эми карыганда көзү бүт кызыл болгон. Андай бүркүттүн кызыл көздүүлөрү өтө кыраан болгон. бүркүттүн урууларын да көз түсүнө карай атаган, алсак «чекир» көздүүлөр уруусунун «чегир баян», «куу чегир», «такыр чегир» деген сыяктуу түрлөрү аталган.

Кареги. Жырткыч канаттуулардын көрөгөчтүгү, күчкубаты ошол каректен сезилет (А. А.) Сынчылар кыраан таптаганда, анын карегинин чоңоюп-кичирейип калышын табына келгендин чени кылган. Мисалы, «Ителгинин көзү башкачараак, кареги кара таруудай болот. Кареги чоң болсо, анда кыраан эттүү экенин билгизет» (А. А.). Тик көз аталган кареги тиктери кырааны эсептелген.

Кабагы. Сынчылар алгырдын кыраандыгын, бир-биринен айырмасын алардын кабагынан баамдаган. Ал тургай, сынчылардын кыраандардын кабагына айткан сөздөрү адамдардын кабагына кыраандардын кабагын салыштырып «бүркүт кабак», «күйкө кабак» деген окшотуулар элге жайылган. Ал бүркүттүн кабагы дөң кабак, кабагы эң бийик болуп баатырлыктын түсү көрүнгөн. Күйкөнүн кабагы тегерек чыгып, көзү чүңүр болгон.

4-§. Кыраан куштарды тандоо сынчылыгы

Канаттуулар сынчылыгы алгыр куштардын ичинен илбээсин (аң) алуу берекети, жаратылыштагы жашоо күч табиятына карай кыраан куштар деген топту өзүнчө бөлүп, ошол кыраан куштарды тандоо, сынга толтуруу, аларды өздөштүрүүгө басым жасаган. Ал кыраан куштарды бүркүттөр жана куштар деген эки топ боюнча тааныган да, алардын ичиндеги кыраандарын «кара куштар» атаган да, андан кийинки алгыр куштарды «ак куштар» деген даражага айырган. Айтмакчы, бүркүтчүлүк менен кушчулук кесипти кармангандар мына ошол кыраан куштарды өздөштүргөндөр болуп, бүркүт үндөктөгөндөр (таптагандар) бүркүтчү, куш үндөктөгөндөр кушчу деген адистик атак менен аталган. Ал эми бүркүт чугу, олбуру куштардан алда канча чоң, алган илбээсиндери (аңдары) чоң жандуулар болгон. Ал эми куштар кичине, сыпайы болуп, кыргыз коомдук катмары боюнча жогору катмардагылары, көбүнчө, сыпайы кыраандарды үндөктөгөн. Канаттуулар сынчылыгы ушул кыраан куштарды мындай жактардан сындан өткөргөн.

  1. Алгыр куштардын кыраандык атактары:
  • Туйгун. Алгырдын өтө кырааны, куш тазасы – туйгун. Анын жүнү, көзү да ак болот (Ч. И.);
  • Тунжур. Тунжурдун жүнүнүн учтары бозомук келип, кереге чалгындын үстү тор көзөнөк ак болот. Эки кашка куйруктун ортолук муундарынын бир муунагы аппак.

Канаттын мүрү жүнү дагы акчыл (Ч. И.);

  • Тонор. Башы сары, тумшугунун канжарында белгилери бар (А. А.);
  • Тынар. Куш балбаны да, кырааны да тынар. Тынардын сырткы жүнү түлөк куштардын жүнү сыяктуу көгүш келет. Тумшугунун үстүндөгү сарысынын сыртында сыя тарткандай капкара тагы даана көрүнүп турат. Тынар муруту тумшук үстүнөн кайчы өтүшүп, көңөөнүн дем алчу тешигин жаап турат. Көзү сүттөй ак. Шыйрагы кыска, жумуру келет. Тынар коёнду капталынан серпе турган болсо, анын шыйрагынын бири сынбай калбайт (Ч. И.) Бүркүттүн башы сары, өзү кара көрүнсө, ал кыраан тынар болот, анын шыйрактарында жана тырмактарында кобулдары бар (А. А.), «Терек көркү – чынар, куш кырааны – тынар» деген макал чыккан;
  • Куу кумпай. Ителгинин баатыры – куу кумпай. Ал күйкөдөн саал чоңураак. Кумпай ашуу белде, аскалуу тоодо уялайт. Улар менен суурду тээп өлтүрүп тамактанат. Кумпайды көргөндөр болгону менен, ал адам колуна түшпөгөн (Ч.И.);
  • Үч ала. Үч аланын жүндөрү сары ала келип, боор жүнүнүн (саңоорунун) учтары тизген берметтей мөлтүрөп турат (Ч. И.)

Кыраандык атактар

2. Кыраан тандоо

Канаттуулар сынчылыгынын жеткен адистиги кыраандардын сапатын уядагы жумуртка кезинен баштап тандоого ала баштаган. Ал үчүн кыраан куштардын уясына байкоо салуу, алардын кайсыл мезгилде, кандай жерге жумурткалашын, ар бир кыраандын жумурткалоо, балапан чыгаруу мезгилин билүү кыргыз саресептепчилигин өздөштүргөн. Мисалы, бүркүт бугу айынын башында жумурткалап, кулжа айынын орто ченинде балапан чыгарат; ал эми куштун кырааны ителги балапандары жайдын толугунда темир канат болот деген сыяктуу эсепти так билген. Ал тургай, кайсыл кыраан бир жылда нечени жумурткалайт, андан сасыткысы (жарабасы) канча, кыраан куштардын теги кандай жумурткадан чыккан? Бул билимдин ээси канаттуулар сынчысы болгон. Канаттуулар сынчысы кыраандын кыраанын табууда, анын тегин (тукумун) кайсы жумурткадан экенин сүрүү, ал үчүн биринчи эле бир уядагы, ошол жылкы жумуртка санына баам салуу, балапан кезинде сындан өткөрүү жумушун жасаган. Кыраандын кыраанын тандоо мындай жактарын сындан өткөргөн:

  • Тегин сүрүү. Ошол жылы бир уядагы жумурткадан кандай кыраан чыгарын сынчылар уя тегин терип, уя тукумун кууган. Ошого, кыргыз эл ичинде «тукум кууш» деген сынчынын сөзү куштардын «тукуму» аталган жумурткасын куугандан чыккан. Алсак, «тонор» атагын алган кыраан бүркүттүн түп тукуму жалгыз туулган жумурткадан чыгарын, ителгинин жумурткасынан шумкар чыгарын, ал карчыга аталган куштарды үкүнүн жумурткасынан чыккан, үкү баккан урпак (Т. М.) деп, тукум сүрүп, кыраандардын тек санжырасын канаттуулар сынчылыгы тактай алган. Анан ошол санжырасына карай, куштардын кыраанын тандап алган.

Алгыр куштардын уясынын кандай орунга салынышына карап, жумуртка кезинде кандай кыраан болорун сынчылар белгилей алган. Күңгөй зоодогу бүркүттүн, ителгинин уясынан чыккан кыраандардын көбүнүн жүнү ак, өзү салыштырмалуу кыраан болорун сынчылар баамдаган. Ал тескей зоодогу уядан чыккан кыраандар кабелтең, чыдамкай, түсү көбүнчө кара болорун баамдашкан да, кыраандардын табиятына күн нурунун таасири күчтүү болорун белгилешкен.

Ал эми даракка уя салган алгыр куштардын да кандай дарактагы уядан кайсы куштар чыкканын, алардын табияты, мүнөзү, түсү ошол дарактын табиятын тартарын баамдашкан. Атап айтканда, терекке салган уядан чыккан алгыр куштун төш, бут саңооруна терек жалбырагынын кейпинде, ал эми кайың, карагайга салган уядагы жумурткадан чыккан алгырлардын саңоор бедерине ошол дарактардын жалбырагынын кебетесинде бедер түшөрүн, ал уядагы алгырлардын мүнөзү да ошол уясы бар дарактардын катуу-жумшактык табиятын тартарын сынчылар баамдашкан. Ал даракка уя салуучу алгырларды сынга толтурганда, алардын кайсыл дарактагы уядан чыкканын белгилеп бере алышкан.

Айтмакчы, табияттагы жандуулар жаратылыштын кубулуштарынын таасири бири-бирине өтөрүн сынчылар белгилей алышкан (К. К.).

  • Жумуртка санына кароо. Ошол жылы бир уяда нече жумуртка туулганын, ал уядан учкан балапан санына карап эсептеген. Бир уядагы жумуртка саны канча аз болсо, анын кыраандыгы ошончо күчтүү болот деген тыянакты сынчылык өкүм кылган. Алсак, бүркүттүн уядагы жумурткасын «үчтүн бири, экинин бири, жалгыз туума» (А. А.) – деп, ал жалгыз туумасынан (жалгыз жумурткадан) өтө кыраан чыгат, бирок аны колго түшүрүү абдан сээрек кезигерин качан да билишкен. Ал эми куштардын эң кырааны ителги бир уяда үчтөн бешке чейин жумурткалап, бирөөн сасыткыга чыгарат (А. А.) Ителгинин ошол жумурткаларынын ичинен шумкар чыгат деп тааныган. Кыргыздын макалында: «Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот» – деп, жумуртканы кезинде тааныган.
  • Балапан кезинде байкоо. Кыраандарды кармоодо, көбүнчө, балапан темир канат болуп, канат-куйругу жетиле баштаганда, ал эми үкү балапанын талпынды, теминди болгон кезде кармайт. Ошондо сынчы темир канат балапандын канат-куйругунун жетилүү жагдайына карап, ал кандай кыраан экенин белгилей алган. Болуп да ителги жумурткасынан чыккан темир канат балапандын ичинен шумкар чыгуучуусун тандай алган. Андан бөлөк, кармалбаган балапандын эрте өз алдынча чабыттай башташына сересеп салып, кыраан эместери бечел чабытка чыгат деп жоромол айтат.

Экинчи тароо. Мүлүшкер жана мүлүшкерлик

Мүлүшкер – канаттуулардан өндүрүшкө даярдоочу, адис адамдар. Айтмакчы, «мүлүшкер» сөзү кыргыз тилине кийин кирген, кээ бир аймактардагы кыргыздар мүлүшкерди «саятчы» атаганы да бар. Айтарлуусу, кыргыз тарыхында, «бүркүтчүлүк менен кушчулук» кесиптин, ушул маданияттын чыгышы, «мүлүшкерлик» сөздү колдонуудан алда канча мурда болгон. Көрсө, «мүлүшкер, мүлүшкерлик» сөздөрдү «бүркүтчүлүк менен кушчулукту» жалпылап туюнтуу ажаты менен, кийин кабыл кылган сөздөр деп түшүнүү керек. Мүлүшкер канаттууларды өздөштүрүүчү, аларды аңчылык эмгегине даярдоочу, кесиптик тил менен айтканда, алгыр куштарды кармоо, үндөктөө (көндүрүү), түлөккө олтургузуу (таптоо) жумушу менен машкулданган өнөр адамы болгон. Ал эми, мүлүшкерди канаттуулар сынчысы жетилдирет, мүлүшкер качан да сынчынын нускоо берүү, кыраанын сындан өткөрүүсүнө ажаттуу болот. А. Акматалиев айткандай: «Ал мүлүшкерлердин сынчысы болот»[8]. Бирок, көп жагдайда сынчынын өзү да мүлүшкер болгон.

Ал эми мүлүшкерлик бүркүт менен кушту багып, ошолордун өндүрүшүн тутунган кесип. Мүлүшкерлик кесип тутунган адамдар өз жашоосун ушул кесип менен тың өткөрө алган да, ошого бул кесип эл ичинде бар болуп турган. Бул кесип менен оокат кылганды мүлүшкердин өз сөзүнөн алып көрсөтсөк: «Бул бүркүттү жыйырма беш жыл такай салдым … Бүркүттүн кадыры менен киши катарына кошулдум. Бир айыл элди шорпо-шилеңден жаңгыз өзүм багып…кыскасы, бүркүтүм ат да болду минерге, кийим болду киерге…»[9] – дейт. Ал тургай, бир кыраан бүркүттү кырк жыл аңчылык өндүрүшкө салган кесип адамдары болгон.

Мүлүшкерлик кесип тутунган адистер бүркүтчүлүк жана кушчулук өнөрүн тең иштей алган, же кээ бирөө жалаң гана бүркүтчү болсо, кээ бирөө жалаң гана кушчулукту тутунгандары да чыгат. Бирок, бүркүтчү, кушчу деп кесиптик жагынан айырбай, жалпы эле мүлүшкерлик болуп жалпылап аталган. Канаттуулар сынчылыгынын бул экинчи тароосунда, Мүлүшкерлик маданияты алгыр куш кармоо, туурга олтургузуу, томого катуу, үндөктөө, түлөккө олтургузуу, таптоо жактарынан жарытылат.

1-§. Кармоо

Алгыр куштар аталган бүркүттөр менен куштар деген эки чоң түрдө болгону менен, аларды кармоо ыңгайы негизинен «кол бала» кылып кармоо жана «тор бала» кылып кармоо ыңгайы окшош болгон. Куш кармоонун ыкымы негизинен төрт түрдүү: бирөө торго кармоо, экинчиси, кылтак менен кармоо, үчүнчүсү капкан менен кармоо, төртүнчүсү бүркүттү бүркүткө алдырып кармоо болгон. Бирок, кыраанды капкан менен кармоо ыкымы өтө сээрек болгон. Эгер бүркүткө капкан койсо, капкан жаагына курмушу ороп, көз калтыруу менен капкан жаагын бутту кыйбагындай абалга келтирген, болуп да анын жанында «куш күйүттө» даяр жатпаса, бүркүттүн буту майып болуп, керге жарабайт.

  1. Кол бала (балапан) кармоо. Ал эмибалапан кезде кармаган алгыр кушту «кол бала» атайт. Аны кармаш үчүн, алардын табиятын, байыр алган жерин төп билип, балапанды зоо боорунан алуу, кара жардын касабасынан алуу, дарактын башынан алууга кам көрүлөт. Бүркүт жана куштардын уясын алда мурда баамдап, алар жылдын кайсыл мезгилинде жумурткалайт, канча күндө жумурткадан чыгарат, балапан (бозум) канча күндө темир канат болот, ушул саресепчилик билимдерин мүлүшкер таамай билет.

Бүркүт балапаны. Бүркүт жалган куранда үйүгүшүп, чын куранда жумурткалап бугунун соңунда жумуртка чегет. Бүркүт уясындагы жумуртка чегилип, чыкканы «ак күп» аталат да, он беш күндөн кийин темир (темене) канат болуп канат саят; андан соң «кара ала» аталып жүн чыга баштай (дагы он беш күндө), андан соң «тегерек» аталып (дагы он беш күндө) канат куйругун тегеректейт. Уядан алууда темир канаттан өткөндө, болуп да, канат-куйругу тегеректелип, бирок өзү учалбай турган кезде «кол бала» уядан алынат (К.К). Бүркүт бийик жалама зоокалардын капас жерине уялайт. Адамдар бүркүт уясына түз бара албайт. Тек балапандын ата-энеси жок кезди күтүп (эгер бүркүт бар кезде болсо, адамга каршылык көрсөтөт), нече аркан улап, баланы уяга салып балапанды алдырат, же аркандын учуна калдырак темир, жыртык челек байлап, уянын үстүнөн салаңдатып калдыратып уядагы темир канат балапандарды үркүтөт. Ал тегерек канат болуп калган кезде, жогоруга уча албай, бирок төмөнгө талпынып келип, зооканын түбүнө түшүп калат. Ошондо даяр турган адам «кол баланы» чуктап, канат-куйругун закымдабай асырап алып кетет.

Куш балапаны. Алгыр куштардын (бүркүттөн бөлөк) байыр алган жери эки түрдүү болот. Бирөө, куштун кыраандары ителги, жагалмай, ылаачын, үкү сыяктуулары зоокаларга, жарларга, кара жардын коңулуна, жардагы үңкүрлүргө уя салып, ошондо жумурткаларын чыгарат. Алардын балапандары темир канат болгон кезде, мүлүшкөр жоросу менен барып жардын (зооканын) үстүнө мыкты казык кагып, арканды ага бек бекиткенден соң, бир адамды белинен байлап жардан салаңдатып, ошол адам уясынан балапанын алат. Дагы бирөө, кичик алгыр куштар кылдоо, сайдагы токойдун ичиндеги бийик тал, дарактуу жерлерди байыр алып, тал, кайың, терек үстүнө уя салып, ошондо жумурткалайт. Ал балапандары темир канаттан өткөндө, балапанды талдын башындагы ошол уядан алат. Ителги сыяктуу алгыр куштардын балапаны жайдын толук кезинде темир канат болот.

«Кол бала» аталган, уядан алынган бүркүт кандайдыр бир деңгээлде жаратылышта жашоо табиятынын айрылып, көбүнчө, адамга үйүр болуп калганы, аны качандыр бир кезде кайра табиятка агытканда (койо бергенде) ал кадимки бүркүттөрдөй тоого кетпей, айыл ичинде жүрүп, кээде айылдагы малга, итке кол салуу аракеттери байкалган (К.К).

  1. Тор бала (чоңун) кармоо. Алгыр куштардын чоңун кармоо да алардын мүнөзүнө, байыр алган жерине жараша болот. Бүркүт жана ителги, ылаачын сыяктуу кара куштарды тор менен кармайт. Мындай кармаган кыраанды «тор бала» атайт. Тор бала кармоо жумушу мындай иштелет:

Жер төлө.  (кээ бир айтымда «нооча» аталат). Кыраандар өтүүчү ач белес, айры белдерге мүлүшкер алдын-ала жерди адам жашынгандай казып, анын үстүн жаап, кыраандар көрбөгүдөй, бирок мүлүшкер өзү бардыгын көрүп тургудай жер үй жасайт. Ошол жер үй «жер төлө» аталат, кээ бирөө «ооча» (нооча) атайт;

Куш күйүт. Кыраан кармаш үчүн, кыраандын уясынын айланасында, кыраандардын аракетин байкап жашырынып жатуу, жер төлөнүн ичинде кыраандын өтүшүн, келишин күйүп жатуу, токойдон кармала турган алгыр куштардын түнкү уйкусун күтүп бекинип жатууларды «куш күйүт» атайт. Ал эми «куш күйүткө» чыгабыз дегени кыраан кармаганы барабыз деген кесиптик сөз болгон.

Тор. Мүлүшкер алдын тор камдайт. «Тордун эң чоңу жүз баш (көзөнөк) болуп, анысы бүркүттөрдү кармоого келет. Ителгиге, ылаачынга сексен баш тор туура келет. Бул жибек кендирден жасалат» [10]. Тордун төрт бурчуна сабоо чыбык байлап жайык жерге тор жаят;

Тир. Алгырды машыктыруу үчүн камдаган тирүү жандар «тир» аталат. Тир дегени кайсыл кыраанды кармамак болсо, ошол кыраан тапкөй болгон тирүү жандарды, көбүнчө, көгүчкөндү алда канча алдын ала кармап тирүү багып турган жандар тир аталат. Тордун ичине айланма байлайт. Тордун ичине тир байлайт. Тирдин бутуна ичке узун жип (тана) байлап, аны алыстагы жер төлөдө мүлүшкер кармап жатат. Ал тигил асмандан чабыттап келген кыраанды көргөн мүлүшкер жерде турган тирди (көгүчкөндү) тартып, кыймылдатканда, кыраан дароо тирди алам деп торго чалынат, мүлүшкер жер төлөдөн чуркап чыгып, тордон ажыратып, «тор баланы» чуктап алат.

Капкан. Мүлүшкөр бүркүткө сала турган капканды атайын даярдайт: жаагына кийиз ороп, ортосуна көз чыгарып, бутту кыйбагыдай абалга келтирет. Андан соң бүркүт өтүүчү белеске капканды көөмп, өтмөлүк жасап, анын каршы жагына чабырачанын ичине көгүчкөндү тир кылып байлап койот. Бүркүт алыстан тирди көрүп түшөт да өтмөдөн өтүп, көгүчкөнгө карай басышы менен капкан кармап калат. Куш күйүттө жаткан мүлүшкөр өтө ылдамдык менен барып бүркүттү чуктап алат.

Бүркүт. «Тор бала» катары кармалган бүркүт, тапталып, абдан кыраан болгон кезде, мүлүшкер бүркүтүнө илбээсин алдырып, же жөн эле этти чокутуп коюп, бүркүттү «тир» катары коюп, «куш күйүттө» жатканда, тиги жапа бүркүт аны көрүп, этке түшөт экен, ошондо «тор бала» болуп калган бүркүт тиги жапа бүркүттү чеңгелдеп калганда мүлүшкөр барып, жапа бүркүттү ажыратып алып, бүркүттү кармайт экен, мындай ыкма бүркүткө бүркүттү карматып алуу деп аталган (К.К).

Колбоор. Тордун бир түрү болуп, жайбай боз үй сымалдаткан тор. Ал «6, 8, 12 чыбыктан боз үй сымал тигилет да, анын ичине эт коёт» (А. А.)

Байлооч. Бүркүттү эликтирүү үчүн колбоордун ичине байланган жаман бүркүт «байлооч» аталат. Байлоочту колбоордун ичине койгон эттин жанына, этке жетер-жетпес байлап коёт. Асманда чабыттаган бүркүт тигил жем жеп жаткан бүркүттү (байлоочту) көрүп, ага ортоктош болом деп түшүп, колбоор торго чалынат да, ал да «тор бала» болуп чуктап алынат. Байлооч бүркүттүн жоругунан улам, кыргызда жөндөмү жок, жөн эле караан болуп жүргөн кишини «жаман байлооч» эле экен деп сын берет.

Кылтак. Куштун мойнуна салып кармоочу, аттын туу куйругунан эшилген кыл сыйыртмак кылтак аталат. Кылтакты узун укуруктун башына байлап, куштун мойнуна салса илингидей эпкейлентип алат. Кээ бир алгыр куштардын түндөсү байыр алган жери тал, дарактын шагы болуп, мүлүшкөр кайсы бир алгыр кушту кармоонун алдында, анын түнөк дарагын алдын баамдап, тактап алат да, түндөсү «куш күйүт» кылып, куш конуучу дарактын түбүнө кылтагын кармап бекинет. Түн бир маалда, куш дарактын бутагында мойнун кайрып уйкуга кетишин күтөт. Куш уйку салганын билген мүлүшкер жанындагы жоросуна алдын ала майга малынып укуруктун башына байлап алган биликти күйгүз деген жаңсоону берет. Ал биликти секин күйгүзүп, жогору көтөргөндө, куш жарыктан ойгонуп, ага таңыркап турарын мүлүшкөр билет. Как ошол жарыкты сонуркап карап турган куштун аркасынан мүлүшкер кылтакты сундуруп барып, анын мойнуна илинери менен төмөнгө карай тартат. Куш кылтак менен жерге талп түшкөндө, мүлүшкер дароо кылтактан чыгарып чуктап алат.

2-§. Олтургузуу

Кыраанды мейли уядан алган «кол бала» болсун, мейли чоң кезинде кармаган «тор бала» болсун, кармагандан кийин, анын канат-куйругун аярлап, чуктап алып келгенден кийин, аны отургузууга үйрөтөт. Отургузуу «Мээлейге, анан туурга, бара бара балдакка олтурууну үйрөтө баштайт» [11].

Туур. Туур дегени бек жыгачтан, карагай, арча, шилби жыгачтан тулга сыңары үч бут (кээде төрт бут) чыгарып туюк чапкан үстөлчө, үстү бети жалпакталып, кыраанды олтургузганда, алаканын жазып омоктуу тургудай, кадыресе моюнду кайрып уктагандай омоктуу салмактагы үстөл эсептелет. Туурдун бийиктиги бүркүт олтурганда куйругу жерге тийбегидей абалда болгон. Туурдун аркаңкы бутунун үстүнөн көзөө алып, ал көзөөгө бүркүттүн узун боосун өткөрүп байлап коюлат. Туур боз үйдүн эр жак улагасына жайгаштырылып, үстүнө дамамат томоголуу бүркүт олтургузулат. Бүркүттү үйдүн тышына, талаага күнгө койгондо да туурга олтургузуп коюлат (К.К). Ал кармап келген кыраанды эң биринчи ошол туурга олтургузууга көндүрөт. Кээде туурду тегеретеси далда, көздөн алыс, өзүнчө алачыкчанын ичине жайгаштырылат. Туурда олтургузуу негизинен алгырды орун жайына жайгаштыруу, үйдөн орун берүү катары каралат. Бүркүт тууру анын омоктуу, тартиптүү жашоочу конолгосу болуп, талпынса, канат-куйругуна закым болуудан сактай турган өзүнчө мейкиндиги болуп эсептелет. Мүлүшкөрдүн үйүндө туур атадан балага мурас болуп кала берет.

Туур                    

1. Томого

2. Жыгоол

3. Туур

4.Көзөөсү

5. Балдак

Боо. Кармап келинген алгыр куштун бутуна тушай байлаган кайышты «боо» атайт. Алгырды көндүрүүнүн биринчи баскычы бутуна боо тагуу болот. Алгырдын бутуна эки боо тагылат: бирөө чолок боо, дагы бирөө узун боо аталат. «Чолок боонун эки башы эки бутка шакекче менен байланат, эми узундугу сөөмдөй эки эли катуу жыгачтын эки башын, ортосун тешип, чолок боонун эки башы ошого өткөрүлөт. Ал жыгач «айлампа» деп аталат. Анткени мында боо чырмалбай айланып турат. Жыгачтын ортосундагы тешикке узун боо өткөрүлөт» [12], эки боо бир айлампа жыгачта, алгырдын бутун тушап турат. Эки боо тагылгандан кийин алгырды тууруна олтургузуп коюлат. Узун боонун бир учун туурдун бутунун үстүндөгү көзөөгө, же айланма чагарагы бар темир казыкка байлап коёт. Бүркүттү илбээсинге агытканда, алгырды ууга салганда, узун боосу чечилип калынып, чолок боосу менен салынат. Чолок боо илбээсин кармоосуна будоо болбойт. Чолок боонун куштун бутуна салган шакек турумун кээ бир мүлүшкерлер күмүштөн, жезден салып, бетине бедер, көчөт салып кооздоп алат.

3-§. Томоголоо

Томого – алгырдын башына көзүн чүмкөй кийгизүүчү кайыш топу. Алгыр кушту өздөштүрүүдө, анын көзүн далдалоо, алаксытпоого кам көрүлөт. Томого ар бир алгырдын башына чактап жараша жасалат. Томого башка чып келип, көздү кыспай, сагагы алкымды өйкөбөгүдөй бошураак ченде жасалат. Томогону куш кармаган мүлүшкер чен менен өзү  кайыштан, көндөн кооздоп тизет. Томого көздүгү, төбөлөгү, кежгелиги болуп куралат. Томогого «жыгоол» аталган өрмө боо тагылат. Ал боо, көбүнчө, жоон чыйратылган жибек жиптен, тилинген булгаарыдан өрүлүп, учуна бабпик чыгарып, бапиктин жогору жактарына мончок өткөрүп кооздоп жасалат. Томогонун төбөсүнө чоктук (кээ жерде «таажича» аталат) коюлуп, мүлүшкөр алгырга томого катканда, салаага тээк катары пайдаланат. Томголоо дегени ошол томогону алгырдын башына катууну көрсөтөт. Кармалган алгырга дээрлик томого катат. Ал эми, күйкө, куш, кыргый, жагалмай, турумтай сыяктуу кичине алгырлага (ак куштарга) томого катылбайт. Алгыр куштун мытаамдары, мисалы, ителги, сагызган сыяктуулар томого катканда көнбөй, томогону буту менен шыпырып токтотпойт. Аларга томого катканда эки сөөмөйүн (жем басарын) тушап коюп томогого көндүрүлөт.

Алгырды илбээсинге саларда гана томогосун алып, салган аңды көрсөтөт, башка кезде томогосун алса, көрүнгөнгө талпынып тынчыбай, кадыресе илбээсинди үркүтүп салат. Атап айтканда, алгырды томого аркылуу башкарууга болот. Томого катуу, болуп да алгырды саларда томогону мерчемдүү кезде тартуу өтө кылдаттыкты талап кылган, болуп да атчан атты чаап бара жатып алгырды илбээсинге салууда, томогонун жыгоолун мүлүшкөр тиштеп туруп тартуу, колу менен алгырды күүлөп шилтөө сыяктуу аракетте мүлүшкөрдүн чеберлиги талап кылынган.

4-§. Үндөктөө

Алгыр кушка тил үйрөтүү, тил алдырууну мүлүшкерлик кесип сөзү боюнча «үндөктөө» атайт. Үн салып чакырууга үйрөтүү маанисинде айтылган сөз. Үндөктөө алгырды туурга олтургузуп, томого катууга көндүргөндөн кийин, ага жем берүү, чакырса үн таанып, колго (мээлейге) конгудай үйүр алдыруу аракети болгон. Алгыр куштардын мүнөздөрү бири-бирине окшобостугун мүлүшкер билет. Үндөктөө алгырдын мүнөзүнө багат. Алгырдын кээ бирөө «ак көңүл» келет, кээси «кара көңүл» болот.

Үндөктөөнүн саамыктары мындай:

Сылоо. Кармап келгендин эртеси туурда турган алгырга мээлей менен кол сунуп башынан ылдый сылоо. Бирок, кара көңүлдөрү ал күнү сылаганга колду жакындатпайт, качан жемге моюн сунган, эт чокуган күндөн баштап сылаганга макул болот.

Жем көрсөтүү. Алгыр куштардын ак көңүлдөрү ачка бир күн тургандан кийин, эртеси чүкөдөй этти көрсөтсө моюн салат, ал кара көңүлдөрү эки-үч күнгө чейин да үндөккө сунган этти карабайт. Анда ыргакка салып ачка таштайт, ошондон ачка калган алгыр жемге умтулат, ошондон күндө узун боосун узартып, улам алыстан «бөпө!»- деп жем көрсөтсө, дароо келип колго конуп, «бөпө!» – деп чакырган сөздү уга турган, келип жемин колдон жей турган, сылата турган болуп үндөктөөгө көнөт.

Ыргак (Селкинчек). Ыргак дегени, эки узун казыктын башына туура балдак жыгач орнотуп жасалган, ыргалма керме жыгач. Ал мүлүшкөрдө дайыма белен турат. Ыргакты кээде аркан керме тартып «селкинчек» атайт. Ыргак алгырды кыйнап, курсагын ачтырып үндөккө көндүрүү аргасы. Кара көңүл алгырлар үч күндөп үндөккө (чакырганга) көнбөй, жем карабай туруп алганда, ыргакка, же аркандан керме тартып жасалган селкинчекке алгырды кондуруп, түн ичи ыргап таштайт, өзү кыймылдаса ыргалат, же мүлүшкөр атайын ыргап койот. Алгыр уктай албай, ыргалып аракетте болуп, эртеси омсоңдоп калат. Ошондо, узун боосун бошотуп, жем көрсөтүп «бөпө!» – деп чакырса, дароо келип, мээлейге конуп, этти чокуйт да үндөккө келди болот.

5-§. Түлөккө олтургузуу

Кармап келген алгыр куштун бардыгы түлөккө олтургузулат. Түлөккө олтургузуу дегени, мурдагы этин арыктатып, кайра эт алдыруу ыңгайы менен жүнүн түлөтүп түшүрүп, кайрадан жүн чыгаруу дегенди көрсөтөт. Түлөккө олтургузуунун алгачкы баскычы аны арыктатуу, этинен түшүп, арыктаганда, бүт саңоор, чалгындары, куйруктары түлөп түшөт. Түлөп түшкөндөн кийин жемин күчөтүп берип, кайра эт алдырганда, жүндөрү кайрадан чыгат, мурдагы жүнүнүн түсү да өзгөрүп, ар бир түлөк белгиси көрүнөт. Бир алгыр куш жылына түлөктө кеминде төрт ай олтурат. Атап айтканда, жаз түлөккө олтуруп, жай соңунда түлөктөн чыгат. Алгырдын бир түлөгөнү бир жаш эсептелет. Балапан, бозум, таш түлөк, кум түлөк, ным түлөк деген майда жашын «түлөк» сөзү менен эсептейт, андан жетилгенде «барчын» эсеби менен жашы саналат. Ушул жаш курамын ар бир түлөктөн чыкканда өзгөргөн жүн түсүнө, саңооруна түшкөн бедерине карап мүлүшкөр эсептей алат.

Түлөк жайынча түлөк жана кыркма түлөк деп эки ыңгайда болот. Жайынча түлөк дегени, этинен түшүрүп, кайра этин толтуруу менен жайына коюп түлөтүүнү көрсөтөт, мында убакыт узак болууну талап кылат. Ал кыркма түлөк дегени, алгырды таптап салууга ашыкканда, анын чалгын, куйруктарын кыркып, куурсундун түбүн майлап амалдоо аркылуу түлөтүүнү көрсөтөт. Мындай түлөтүү убакыт зарылдыгынын ажатынан улам иштелет (К.К). Түлөктөн соң таптоо башталат.

6-§. Таптоо

Алгыр кушту илбээсин алгыдай абалга келтирүү «куш таптоо» аталат. Алгыр куш таптоо аракетинин чоң бөлүгү, аны аң алууга машыктыруу, жемин чени менен берип, өзүн жеңил кармаган абалга жеткени табына келгени болот. Алгыр куштун жем жеши таза, чендүү болот да ченден азыраак эле артык жем жесе, өзүн оор сезип, илбээсинге карабай калат. Ошого куш таптоонун назик жери анын тамагын табына келтирүү болот. «Тапка киргенде, өзүн сергек сезет, айланасын карап, канаттарын тарап, азыр эле алчудай ирбитинде болот» [13]. Алгыр куш таптоо жумуштары мындай жүргөн.

  1. Тир. Тир дегени алгырды таптай баштаганда, же алгырды кармоого ээликтиргенде тирүү жандарды байлап коюп, аны алдыруу, же ага ээликтирүү аракети. Алгыр куш таптоонун нагыз жумушу тир көрсөтүү болуп, куш таптоодо тирүү жандар качан да болсо камдалып турат. Тирдин чоңу түлкү, ортончусу көгүчкөн, кичиси чымчык, чычканга чейин камдалат. Тир көрсөтүү таптамак болгон алгырдын кандай жандарга тапкөйлүгүнө, алына жараша болот. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген сөз боюнча, таптап жатканы бүркүт түрүндөгү алгыр болсо, ага тир үчүн тирүү түлкү, коён камдалат. Ал эми куштар (ителги, шумкар, ылаачын) болсо, көгүчкөн керектейт, айтмакчы, куш баласы: «Көгүчкөндү көрө албайым, көгүчкөндү көргөндө, көзүмдүн жашын тыя албайым» деген арманды айтат имиш деген мүлүшкердин имиши сыяктуу куштарга көгүчкөн тир керек. Ал чымчык алгырлар үчүн таранчылар керектелет. Үндөккө келип, колго конуп, жем чокуп калган алгыр кушка, өзүнө ылайык тирди улам алыстан көрсөтүп, ага салып, аны басып калганда, ажыратып алып, күндө алыстан тирди көрсөтүп машыктырылат.

Бүркүттү «тор бала» катары кармаганда тордун алдына тирүү көгүчкөндү байлап коюп, тир байлады деп атайт.

  1. Чырга. Чырга деген тирдин ордунда, түлкүнүн, суурдун терисинен ашталып, ийленип, анан туюкталып тигилген тирүү жандарга окшош тулуп, анын ичине чөп, саман же жүн тыгып, түлкүнүн куйругун ага куйруктай кылып тагып алган машыктыруучу кебете «чырга» аталган. Алгыр кушту таптап көндүрүүнүн дагы бир аргасы чырга сүйрөтүү болуп, узун аркандын учуна чырганы байлап, бир киши ат менен ал чырганы сүйрөтүп жөнөйт. Ал быяктагы мүлүшкөр таптап жаткан кыраандын томогосун алып, ал чырганы көргөзүп салып жиберет. Алгыр барып чырганы басып калганда, ээси барып белен алып жүргөн баштыгындагы жылуу эттен чокутуп, чыргадан ажыратып алып, ошону кайталап көндүрөт. Чырганы басып калуу табытына карап, алгырдын табына киргенин баамдайт. Ошондой көндүргөн чыргага алгыр качан болсо келет. Кокус алгыр аңын ала албай башка бир жакка каңкып кетсе, алыста олтуруп алганда да, чырга сүйрөткөндө, ал чыргага келип, аны басып калат. Эт чокутуп ажыратат.
  2. Далба. Алгырды чакырып алууга колдонулган арга. Көгүчкөндүн жана башка жандардын канат куйругунун ичине чөп, саман, жүн тыгындаган тулупка каптап, көгүчкөн сыяктуу кеп жасайт. Ошол кеп «далба» аталат. Далбаны мүлүшкер качан болбосун канжыгасынан үзбөй байланып жүрөт. Томогосун алып, илбээсинге салган алгыр кандайдыр себептер менен (таарынып, табы айнып) алыска барып олтуруп алганда, ошол далбаны көрсөтүп «бөпөлөп» чакырганда, алгыр дароо келип далбанын үстүнө түшөт. Ошондо, мүлүшкер баштыгында алып жүргөн жеминен (эттен) чокутуп, колго кондуруп, томоголоп алат.
  3. Кеп. Алгыр кушту көндүрүү аргасы. Кайсыл алгырды таптап жаткан босо, ошого «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» кылып, табына келгенде ала турган илбээсиндердин кебин жасап, ошону көрсөтүп, ошол кепке машыктырат. Алсак, бүркүткө түлкү кеби, куштарга көгүчкөн кеби, ал эми өзгөчө таптоочу сагызган менен борбашка кийик алдырууда ошол кийиктин кебин жасап, ал кеп кийиктин көзүнө эт илип, улам алыска коюп, томогосун алып, ошол кепке салып, анын көзүндөгү этти чокутуп кыныктырат. Ал жасаган кеп кийиктин бою, мүйүзү, териси тирүү кийиктин калыбында болушу талап кылынат. Айтмакчы, кеп тирге, чыргага, далбага да жасалат. Бирок ар бирөөнүн алгыр машыктыруу ыңгайлары окшобойт.
  4. Ак жем. Алгыр таптоонун эң негизи аны күндөлүк азыктануудан таптоо болуп, «куштай таптоо» деген сынчылардын сөзүн «тамактан жакшы күтүнүү» деген өтмө мааниде эл жалпы колдонот. Алгырды колго алып, «кол бала», «тор бала» атап, баласындай көргөн мүлүшкер алгырдын күндүк азыктануу табын ар убакыт көзөмөлүнөн алыс кетирбейт. Үндөккө олтургузган кезде, аңга салар кезде, бөтөнчө жемине байкоо салат. Жем (эт) көрсөтсө, ага талпынбай, денеси салгоо болуп калганда, алгырдын жеми күчтүү кетиптир деп билген мүлүшкер этти сууга чылап, кан-сөлүн кетирип этти агартып берет. Ошол кан-сөлү жок эт «ак жем» аталат. Ак жемди бир нече күн жегизсе, алгыр куштун тамакка табыты ачылып, этинен түшүп, өзүн жеңил сезип калат. Кээ бир мүлүшкөр ак жемдм «шалап» атайт экен да, этти туурап, үстүнө суу куюп чылаган соң «шалап» болот экен, ошону алгырга жегизгенде ичин тазалайт, этинен түшүрөт экен (К.К).
  5. Коё. Кыл таакыны ичине ороп түйгөн эт, же кичине тоголок кийиз. Таптоодогу алгыр куш алгачкы үндөктөгү кезде, бир нече күн жемге карабай, үндөккө көнбөй берсе, же илбээсин алганда жаңы эттен көбүрөөк жеп алган себептүү, нече күн табы айнып турганы сезилгенде, мүлүшкер «коё» (кээ бир айтымда «кожо») сугунтат. Коё жасоодо, алды менен этти жапырактап, аттын кылын корголдой томолок таакы кылып, ал томолок кылды жапырак этке ороп, сыртынан кыл менен чырмап (кыл чүчбара сыяк нерсени) алгырга сугунтат. Коё сугунган алгыр бир күн же эки күндө ал коёну кусуп чыгарып, ичинде калган кирди кошо кусуп, ичи ачылат. Алгырдын ичи тазарганын койого жабышкан түсүнөн баамдап турган. Эл ичинде даамга бой салбаганды «коё жеп алгансыңбы?» дегени ошол мүлүшкердин сөзүнөн келген. Кээ бир мүлүшкерлер коёну таза кийизден тоголоктоп аны бүркүттүн оозуна тыгып сугунта турганын айтты (К.К).
  6. Аткы. Алгыр кушту кустуруучу жутманы «аткы» атайт. Тапта туруп жаткан алгыр куштун ичине кир-май туруп кара көңүл болуп табына келбегенде, коё сугунган бүркүттү кустурарда, сууга шекерди кыйгыл татытып жутма жасап, аны алгырдын оозуна түтүкчө менен куйса, алгыр куш кусуп, ичи тазаланат.
  7. Балдак. Бүркүттү ат менен алып жүргөндө, жөө көтөрүп жүргөндө отургузуп ала турган тирөөч баканча. Балдак жезден, шилбиден, ыргайдан ача жасалат. Балдактын ачасына туура иймек тээк коюп, бүркүттү мээлейге кондурган боюнча, колдун сыртын балдак тээкчесине төшөп алып жүрөт. Балдактын боосу ээр кашына, ээрдин куткунуна илинүү болот да, бүркүттүн салмагы ошол балдак тирөөчкө түшөт. Бүркүттү мүлүшкер дайыма колго көтөрүп жүрүшү оор болот.

Алыскы салбуурунда бүркүттү балдакка олтургузуп алып жүрүү ажат болгон. Жөө бүркүт көтөргөндө, балдактын боосун курга байлап, салмагы белге түшүп, кол сеп алат. Үйдө бүркүт туурда олтурса, ал талаага алып жүргөндө балдакта олтурат (К.К).

  1. Тулуп. Алгыр куш жемин (этти) салып, мүлүшкер койнуна катып жүрүүчү жем салгыч тулуп. Бул койдун, эчкинин моюн терисин ийлеп, түгүн сыртына келтирип оодарып жасаган кол чаначка окшош эт салгыч. Мүлүшкер этти кушка сугунткундай көлөмдө кесип, аны тулупка салып, коюнга катып жылуу сактап жүрөт. Алгыр куш илбээсин алганда, аны ажыратып аларда, койнундагы тулуптан жылуу эт алып, алгырга чокутканда, тигил басып жаткан аңды бошотот. Андан бөлөк, таптоо жүрүшүндө, чырга, далба көрсөткөндө, далбага чакырганда да аларды барып басып калат, ошондо дагы тулуптагы эттен алып чокутуп, алганын татыткан болуп, алгырлыкка кыныктырат.
  2. Мээлей. Мүлүшкердин колуна дайыма кийип жүрүүчү тери мээлей болуп, мээлейдин үстүнө куш конот. Үндөктөөдө мээлей кийбесе, алгыр тырмагын матырып салат. Ал алгыр куштарды сылаганда кээлери колду чокуп алышы мүмкүн. Ошого, мүлүшкер үчүн мээлей коргонуучу курал катары кызмат кылат. Кадыресе, алгыр таарынганда, ачууланганда, колго тырмагын матыра турган абал көрүлөт. Мээлей калың териден тигилип, ач билекти бүт жаап турат.

7-§. Салуу

Мүлүшкердин эмгегинин ийгилиги таптаган алгыр канаттууну илбээсинге салып, самаган бир илбээсинди алгырга алдыруусунан көрүнгөн. Алгырды илбээсинге салууну мейли бүркүт болсун, куш болсун жалпы эле «куш салуу» деп (ит агытуу деген сыяк) атаган. Куш салуунун тарыхы кыргыздан эртеде, болуп да аңчылык өндүрүштө зарыл болгонун: «Саларга кушуң болсун, кыларга ишиң болсун» деген акыл тыянагынан билгели болот. Куш салуу кыргыз коомдук катмарында, эки түрдүү жагдайда болгон: Биринчи жагдайы, аңчылык өндүрүшүнүн бир тармагы катары, адамдардын тиричилиги үчүн өндүрүш катары каралса, алсак, кыргыздын салбуурунга чыгуу өндүрүшүндө «куш салуу» негизги орунда турган. Куш салуунун дагы бир жагдайы, алгыр канаттуулардын адамдын тилин алып, өзүнүн алгырлык жөндөмүн көрсөткөндөн үзүр алуу, көңүл көтөрүү максатында болгон. Муну кыргыздын жогору катмары, көбүнчө, куш салууну «талаа сейили» кылуу, көңүл көтөрүүнү максат кылган. Куш салуу дөөлөтмөндүк, бийликтин шааниси болгон. Ал үчүн, Манатстын уулу Семетейдин ак шумкар тутунуп, кез-кези менен «сонорго» чыгып жүргөнүн айтса болот. Куш салуунун да өзүнчө эрежелери, жагдайга багып куш салуу жактары болгон.

  1. Жер уусуна багуу. Алгыр аталган бүркүт, куштардын түрү көп, ар бир алгырдын өзүнчө алы-жайы, жөндөмү, мүнөзү болот. Мүлүшкер ошол колундагы алгырдын ушул жактарын төп билген болот. Жер жагдайын билүүнү «жердин уусун билүү» деп атайт. «Кыраандарды негизи жердин уусуна карай салышат. Таштуу, аңдуу, бадалдуу, карагандуу жайлар – бүркүттүн жоосу, зыянга учурашы ыктымал»[14]. Алуучу илбээсин, мисалы, түлкү, жейрендер бадалга, корумга аралай кетсе, күүлүү кыраан урунуп алышы мүмкүн. Жер жагдыйы тик болуп, түлкү тик өйдөгө бара жатканда, бүркүт салбайт. Себеби, бүркүт аны чеңгелдеп өйдө көтөрүлө албайт да, такымдан мычкый кармаганда, түлкү кайрылып, бүркүттүн бутун каап, майып кылат.

Жер уусуна багууда, мүлүшкөр алгырды саларда, бийиктен төмөнгө карай салууну көздөп, ошондой өңүттү ээлейт. Жогорудан төмөнгө карай салган алгыр күүлүү барып аңын сермей алат. Ал түздө алгырды салууда атты чаап бара жатып, алгырдын күүлөп койо берет. Атты чаап бара жатып бүркүттү саларда, ат, мүлүшкөр, бүркүт бир сызык, бир мерчемге шайкешүү талап кылынат. Атчан колдо көтөрүп бара жаткан бүркүттү күүлөп койо берерде, мүлүшкөрдүн бир колу аттын тизгининде, бир колу бүркүттө болуп калат. Ошондо, бүркүттүн томого жыгоолун ооз менен тиштеп туруп томогону шыпырып, дароо колдогу бүркүттү күүлөп серпе койо берет. Ошондо, аттын тез чуркашы, мүлүшкөрдүн бачым аракети, бүркүттүн тез күү менен илбээсинге шуңгушу көз ирмемдик шайкешүүнү талап кылат, олжо ошол шайкешүүдөн келет.

  1. Мезгилге багуу. Алгырды жаз үндөктөп, жай түлөктөн чыгарып, күз жана кыш мезгилинде куш салат. Ал эми, кыргыз саресепчилигинде, жаз, жай айлары «туут айлары» болуп, аңчылык тыйылган мезгил эсептелет. Дагы келип, арыкчылык мезгилинде аңчылык берекети кеткен, түшүмү болбойт. Кыргызда салбуурун (аңчылык өндүрүшү) күздөн башталат.
  2. Тукумуна багуу. Канаттуулар аңчылыгында, алгырга илбээсин алдырууда, тукум курут кылып алуу чечкин тыйылган. Куш салганда, бир жолкусу бир, канаттуу илбээсин болсо (тоодак, көгүчкөн) алгырдын чамасы келген чекте гана болуу, алгыр тукум курут кылбоонун табийгы чегин туят, ал тургай, бир топту бүт кырбай, ичинен бир нечени коё берет. Ошого болбой, кушту улам дембелей сала бергенде, алгыр таарынып «куш качты» болуп, кетип калат.
  3. Көңүлүнө багуу. Кыраан куштардын ар кайсысынын өзүнчө мүнөзү, көөнү болот. Кээ бир алгыр куш ак көңүл болуп, үндөккө бат кирет, ал кээлери кара көңүл болуп, үндөккө күч менен көнөт. Жалпысынан айтканда, алгыр куштар эстүү, назик болот. Мүлүшкерлердин башынан куйругуна чейин сылап турушун сый катары көрөт. Үндөккө биринчи көнүүсү ушул сылаш болуп, биринчи сылаганга көнгөнү көңүлүн бергени катары каралат. Илбээсин алганда, аны басып жатканда, алгыр куштардын чеңгээлинен чыгарууда, өтө сый мамиле жасалып, мүлүшкер койнундагы тулубуна белендеп алган жемин чокутуп сыйлап, олжосун колунан ажыратып алат. Орой талашып мамиле кылса, кыраан мүлүшкердин мээлейинин сыртынан тырмагын матырып таарынганын билдирет. Кадыресе, куш салууда, куштун (бүркүттүн) дилин (көңүлүн) таза тутуу, ичин тазартуу (табына келтирүү) жумушу аткарылып, кыраанды «кол бала» кылып көндүрүү үчүн, мүлүшкер өзү алгыр куштун мүнөзүнө көнүүнү иштей алган.
  4. Кезметине багуу. Куш салуунун көз ирмемдик кезметин кетирбөө мүлүшкердин куш салуу адистиги болгон. Кушун (бүркүтүн) илбээсинге саларда, аң көрүнгөндө эле эмес, ал аралыгынын алыс-жакыны, жер ыңгайы, колундагы алгырдын чамасын болжоо кезметин кармайт. Кезметинде, алгырдын томогосун алуу менен дароо тамандан кагып, коё бербей, кечеңдетип, илбээсин көз жазгырганда кезмети кетип, куш капаланып, тигиндей барып олтуруп алат, кадыресе башка жакка чабыттап кетет. Ал чымчык сымал алгыр куштарды, мисалы, турумтай, борбаш сыяктууларды саларда, алгырды алаканга салып туруп, тигил алуучу уусуна көздөй шилтеп ыргытып салат. Ошондо, шилтеймин деп жерге уруп алып, алгырды майып кылуудан мүлүшкер сак болот.

8-§. Сынчылардын канаттуулар боюнча  чыгарган макал, ылакаптары

Сынчылардын канаттуулар сынчылыгы боюнча айткан сындары эл макалы болуп, канаттууларды таануунун өлчөмдүү корутундусу катары жалпылашкан. Биз бул макалдардан айтылган канаттуунун өзгөчөлүгүн, анын эл турмушундагы ордун көрө алабыз.

Куш. Kyш баласы көккө карайт, ит баласы бокко карайт.

Kyш баласы кырымга карайт, ит баласы жырымга карайт.

Kyш жаңылып торгo түшөт, эр жаңылып (жыгылып) колгo түшөт.

Kyш жемге алданат, адам сөзгө алданат.

Kyш жемине кайрылат, эр элине кайрылат.

Kyш жемине какабайт.

Kyш канаты менен, эр жигит эли менен. Kyш канаты менен yчуп, куйругу менен конот Kyш төрөсү – буyдайык, ит төрөсү – кумайык.

Kyш чүрбөсү (жөжөсү) yясында эмне жеcе, yчканда да ошону издейт.

Kyшта сүт жок, Кудай өзү асырайт.

Kyштy жем менен амалдайт, адамды кеп менен амалдайт.

Kyштy жырткыч кылган тырмагы, кишини сүрдүү кылган мансабы.

Куштун алганынан салганы – кызык.

Куштун сырын мүлүшкер билет.

Куштун уясы бузулса, жумурткасы соо калбайт.

Кушу жоктун турумтайы – шумкар, аты жоктун жаман тайы – тулпар.

Алгыр куштан ашам деп, ала карга шашыптыр.

Алгыр кушту алып келип кууга сал, акылың болсо азамат, аштык айдап, баккын мал.

Алгыр кушту мүнүшкөр, жакшы багып кушка сал.

Асманда жүргөн кыраан куш да түнөгүн көксөйт.

Ат жаманы кор болот, куш жаманы бир чымчыкка зар болот.

Жемди көрүп, көктөгү куш торго түшөт.

Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот.

Куу алган кушка сын жок.

Мал баласы туулганда жерди карайт, куш баласы туулганда көктү карайт.

Сөздүн көркү – санат, куштун көркү – канат.

Эр колунан куш тойбос, эне колунан кыз тойбос.

Бүркүт. Бак башыңа консо, колуңа тынарың коноор.

Бүркүт картайса, чычкан уулайт.

Бүркүт карыса чычканчыл болот, каракчы карыса алдамчы болот.

Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.

Бүркүттү түлкүгө сал, карчыганы (кушту) өрдөккө сал.

Бүркүттүн ээси болсо, түлкүнүн кудайы бар.

Бүркүтчүнүн үйүнөн эт кетпейт, жылкычынын үйүнөн ат кетпейт.

Куланды үйрөткөн – эр, кулжаны эңген – бүркүт.

Шумкар. Шумкар баласы саркыт койбой жем жебейт, жетесинде тойбогон тоймоюнча кел дебейт.

Шумкарды жүнүнөн тааны, жакшыны үнүнөн тааны.

Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.

Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.

Жаман кушту жакшы бакса шумкар болот.

Кара куш кардына карайт, шумкар чагына карайт.

Ылаачын. Ылаачын карап табат, түлкү шарап табат, карышкыр жыттап табат.

Кулалы. Кулалы таптап куш кылган, куюккан жыйып журт кылган.

Кулалыдай салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманды чалкып, бир жыл өмүр сүр.

Турна.Турнадан бий койсоң, кайгы (кыйкуу) кетпейт башыңдан.

Тоту. Тоту – куштун барчасы, кекилик – куштун калчасы.

Тоту – жүнү менен, булбул – үнү менен.

Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.

Өрдөк. Өрдөк берген каз алат.

Өрдөк жокто чулдук бий, өпкө жокто карын бий.

Өрдөктү туурайм деп, чулдук бутун сындырыптыр.

Өрдөктүн өзү көктө болсо да, көзү көлдө.

Өрдөктүн этин жесең, каздын пайында бол.

Каз. Каз-өрдөгү жок болсо, балыр каптап көл карып. Каз каркылдайт саз жерде, эр баркылдайт тар жерде. Каз келди – жаз келди.

Каз, өрдөк көлгө таянат, Чечендик сөзгө таянат. Чалкемпир төргө таянат.

Карга. Карга бакса куш болбойт, кара темир курч болбойт.

Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт.

Карга да эки чокуп, бир карайт.

Карга өзүн куш ойлойт.

Карга карганын көзүн чукубайт.

Карга каркылдап каз болбос, катын шыңкылдап кыз болбос.

Карга карысын ким билет, киши аласын ким билет.

Карга көргөнүн чокуйт, молдо билгенин окуйт.

Карга мактанып шумкар болбойт, эшек мактанып тулпар болбойт.

Карга учуп шумкар болбойт, эшек чуркап тулпар болбойт.

Карга менен дос болсоң, жешиң бок болот, жоо менен дос болсоң жешиң ок болот.

Каргага от атпа, жаманга сөз айтпа.

Каргадан тоту туулбайт.

Сагызган.

Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.

Сагызгандын баласы – агынан көп карасы.

Сагызгандын санаасы – жоордо, соргоктун санаасы – куйрук-боордо.

Кекилик. Кекилик өз атын өзү чакырат.

Кекилик көлгө конбойт, булбул чөлгө конбойт.

Чымчык. Чымчык өзүн мал ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт.

Чымчык карыса токойчу болот, жубан карыса калпычы болот.

Чымчык семирип батманга толбойт.

Чымчыктан корккон таруу айдабас.

Аңыр. Аңыр өзүн куш ойлойт, ар ким өзүн киши ойлойт.

Сынчылык майнап: Канаттуунун эң жышаналуусу, бакыт кушу – Ак шумкар; Канаттуунун эң жаман жышаналуусу – Байылуу. Байылуунун үнүн укканда чычала ыргытып ырымдайт.

Алгыр эмес боз куштар (канаттуу илбээсиндер)

күкүк

зейнеп

ызгыч

торгой

улар

үпүп

Пайдаланган адабияттар:

[4] [6][7] Чалагыз Иманкулов, «Кыраандар баяны», «Тил жана котормо», 1990- жылы №3

[10] Амантур Акматалиев, «Кыргыз мүлүшкөрлүгү», Бишкек-1999.

[1][2][5][8][9][11][12][13][14] Амантур Акматалиев, «Баба салты, эне адеби», 1993-жыл.

[3] Маша Токтосун, «Канаттуулар жөнүндөгү тил байлыгыбыз», «Тил жана Котормо», 2001-жыл №4

М. Ибрагим жыйнаган, К. Коңкобаев өңдөгөн «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөрү», Бишкек-2008.

Шарттуу кыскартуулар: Тексттин ичинде кээ бир накыл келтирген сүйлөмдөргө атайын этектик шилтеме берилбей, кашаанын ичине автордун аты-жөнүнүн башкы тамгасы шарттуу кыскартылып шилтенди, алар:

(Ч. И.) Чалагыз Иманкулов.

(А. А.) Амантур Акматалиев.

(М. Т.) Маша Токтосун.

 

Экинчи бөлүм

КӨЧӨТ МАДАНИЯТЫ

Адамзаттын жашоосунда тапкан заттык жана руханий табылгалары «маданият» деген кенен түшүнүк менен туюнтулуп келген. Кыргыздын кол өнөрчүлүк маданияты абдан мол, ошонун бирөө, көркөмдөө, жасалгалоо, жараштыруу, атап айтканда, кол өнөр буюмун улуттук түс менен жабдуу өнөрү да өзүнчө маданият болуп калыптанган. Ал жасалгалоо маданиятында улуттук ойлом, улуттук түс, улуттук кыял камтылган. Ошол кыргыз түсүн чыгарып, маданиятын элестүү белгилер менен көрсөтүү улуттук дух, улуттун акыл сүйөрлүгүн (философиясын) такоол кылып, өзүнчө мыйзам-ченеми, эреже боюнча иштелген. Ошол табиятка болгон сыйынуу ишенимин, маданият белгилерин көчүргөн нусканы кыргыз «көчөт» деп атаган.

Ал эми, «көчөт» сөзүн сөздүктө: (тканый орнамент) – деп которуп, «кылайып өңү солбогон алтын көчөт чоң килем»[1] деген элдик сүйлөмдү мисалга тарткан. Ал түшүндүрмө сөздүктө: «бир нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма», деп түшүндүрмө берип, ага: «килем көчөт келтирип, чырмап салган чийине, «алтын көчөт чоң килем чылк жибектен токулган» (Манас) [2]- деп түшүндүрүп, мисалын эл оозунан таамай келтирген. «Көчөт» сөзүнүн сөздүккө кириши, бул сөздүн эл ичинде жалпылашканын күбөлөп турат. Айтмакчы, «көчөт» сөзү жалпы кыргызга орток түшүнүктө, жалпылашып колдонгону менен, жергиликтүү айтымдарда «кеште», «кайкалай» деген сөздөр да «көчөт» маанисинде колдонулуп жүргөнүн атайын эске салуу керек. «Көчөт» сөзүнүн чыныгы мааниси, бир нерсенин кебетесин, элесин көчүрүп алуу, атап айтканда, көчөт адам, айбан, өсүмдүк жана нерселердин кээ бир бөлүктөрүнүн элесин, сөлөкөтүн көркөм көчүргөн өрнөк, нуска эсептелген.

Кыргыздын көчөт менен түз буюм жасоо кол өнөрчүлүгү менен маданият белгилерин, элесин тиричилик буюмдарына көчөт көчүрүп жасалгалоо кол өнөрчүлүк табылгасы, ушул эки чоң кол өнөр табылгасы «көчөт маданиятын» калыптандырган. Ал көчөт маданиятында айтылган көчөт менен түз буюм жасоо кол өнөрчүлүгү дегени, көчөттү оюп алып, же кыйып алып, аларды ыгы, кыбы менен курап (шырдак, курак) буюм жасоо кол өнөрчүлүгү жана көчөттү түз салып (өрмөккө) согуу аркылуу буюм (боо сыяктууларды) жасоо кол өнөрчүлүгүн көрсөтөт. Эми көчөт маданияты ичинде айтылган көчөт менен жасалгалоо кол өнөрчүлүгү дегени, көчүрүлгөн элестер менен үй, буюм, кийим жасалгалоо, кайсы бир окуяны көчөттөп (элесин көчүрүп) баяндоо кол өнөрчүлүгү болгон. Мындагы жасалгалоо, баяндоо кол өнөрчүлүгүнүн иштөө ыңгайлары: көчөттү чегүү (баян көчөттөр), саймалоо, чырмоо, көрчөгөлөө (күмүшкө), кобул салуу (жыгачка), бедерлөө (булгаарыга) болгон. Айтмакчы, ушундай эки чоң кол өнөрчүлүктү камтыган көчөт маданият катмарына улуттун элдик ишеним маданияты менен кол өнөрчүлүк маданияты кирген чоң маданият деп айтса болот. Болгону, ата-бабалар жараткан ошол көчөт маданияты, бүгүнкү күндө, өз наркында, бийиктигинде көрүнбөй, «боюн жашырып», өз бараанынан кичиргенсип турганына көңүл буруу керек деп карадык. Бул маданияттын ушул кезде кичирип турушуна, аны кенен таануу жетишпегенсип көрүнөт. Ал тургай, бул маданияттын аталышы байыркысынан тайып, көчөт сөзү колдонулбай, анын ордун «оюу-чийүү» «нуска», «оюу» деген сөздөр алып, маданият оорагын жөнөкөйлөтүп атоо да себеп болду бейим. Алсак, 1985-жылы Кытайдагы «Шинжаң эл басмасынан» «Кыргыз элдик оюу-чийүүлөрү» [3], 1995-жылы Кыргызстан «Учкун» басмасынан «Кыргыздын улуттук оюм-чийимдери» [4] аттуу китептер басмадан чыккан. Ошол басма сөздө айтылганы боюнча, кийинки муун «Кыргыз көчөттөрүн» «оюу-чийүү» деп айтканга көнүп баратат. Мында көрсөтүп айта турган нерсе, «оюм-чийим» эки жагы тең маанилүү кош сөз болуп, «оюм» бөлүгү көчөттү кийизге, кездемеге (курак) оюп түшүрүүнү гана туюнтса, ал «чийим» бөлүгү белгилүү кебетени бир нерсенин бетине көчөттөп чийүү, тактап айтканда, чийүү «жазууну» көрсөтөт. Ал тургай, «оюу» сөзү тек кийизге (шырдак), кездемеге (курак) гана колдонсо мааниси төп келет да, көчөттөп жасаган өрмөккө, көчөттөп жасалгалаган сайма сыяктууларга «оюу» сөзү эп келбейт. Кыргыз тилинде кийизден көчөт оюу, кездемеден көчөт куроо, өрмөккө көчөт салуу аркылуу буюм жасоо деп туюнтса, ал жасалгалоону кездемеге көчөт саюу, ташка көчөт чегүү (баян түшүрүү), жыгачка кобул салуу, алтын-күмүш бетин көрчөгөлөө, булгаары бетин бедерлөө деп туюнткан. Ал азыр, «сайма таш», «сайма оюулары» деген коошпой айтылган сөздөр көчөт маданиятын «кичиртип», бүдөмүктөштүрүп жаткансыйт. Андан да, кыргыз көчөттөрүнүн атын унутуу, көчөт түшүрүү ордун тааныбоо, мисалы, аза күтүүгө арнап чыгарылган «тул көчөттү» тааныбай, жакшылыктуу иштерге кийүүчү кийимге салуу, баш кийимге салчу (ыйык) көчөттөрдү шымдын багалегине салып, көчөттүн касиетин кетирүү сыяктуу жоруктардын көрүлүшү көчөт маданиятынын кадыр-баркын пастатып, маанисин кетирип, анын боюноюн кичиртип койгон окшойт. Ошол үчүн, кыргыздын ата-бабадан калган көчөт маданиятына кайрадан серепчилей карап, бул маданияттын маңызын жакшылап таануу, маданиятты өз мыйзамы, кадыр-баркы менен өнүктүрүүгө, турмушубузга төп колдонууга, муундарга таамай жеткирүүгө ушул күндөн баштап кам көрбөсөк, кечигип калат көрүнөбүз. Майнаптап айтканда, көчөт маданиятын кенен көлөмдө, каадасы менен таанып, ар бир көчөттүн атын жана анын маанисин билип колдонуу ушул маданияттын ажарын ачат деп карадык.

1-§. Көчөт тарыхы

Кыргыз көчөт маданиятына жетишкен тарыхы абдан узак. Адепки баскычы малчылык эмгегине байланыштуу эн жана тамга белгилерди колдонуудан «Белги салуу» маданияты башталса керек. Кыргыз эн жана тамганы малдын кулагына, малдын көркүнө залал тийбей турган жерине салган. Уруулардын өз ара келишими боюнча, оң кулак жана сол кулакты урууга бөлүп (оң, сол), анын ичинде эн жана тамга белгилерин майда урууларга энчи катары менчик белгилер белгилеген. Кыргыз жети атасын унутпаган сыңары өздөрүнүн менчик эн жана тамгасын унутпай, ар кандай малдын кимдин малы экенин жазбай таанууга жетишкен. Ушул мааниден караганда, көчөттүн белги катары көрүнүшүнүн түпкү ою малга эн жана тамга салуунун маңыздуулугунан чыккандай көрүнөт. Кыргыздын жөрөлгөлүү эндеринин аталышы: оймо (эки оймо, үч оймого арбыган), бакан, тилик (эки тилик), кыйык (эки кыйык, үч кыйык болуп арбыган), көзөнөк (эки көзөнөк), топчу, жүрөкчө, кумурска бел, сырга, кетик сыяктуу .ж.б. болгон. Ал эми, тамгасы: күн тамга (◎), ай тамга ()), жагалмай тамга (х), тем тамга (―), кош тамга (+), жебе тамга (→), бакан тамга (Y), илик тамга (∽) .ж.б. сыяктуу жөрөлгөлүү тамгаларды колдонгон. Булар кийинки эле математиканын белгилери, ал кыргыздын көчөт жана жазуу сызыктарына кызмат кылып кала берген. Эн белгилери [5] кыйык

Андан бир аз өнүккөн доору сүрөт көчүрүү, атап айтканда, аска таштарга орчундуу окуянын элесин көчөттөп, эстеликке калтыруу маданияты кыргыздар жашаган жерлерде арбын кезигет. Кийизден элестерди оюп, кийизге окуяларды элестетип басуу аркылуу шырдак жасаган, ал шырдагы жөн эле буюм болбой, маданият белгилерин, тарыхый окуяларын көрсөткөн «кийиз китеп» болуп берүү кызматын да өтөгөн. Ошондон айтууга болот, көчөт маданияты бир эле убакта руханий жана заттык маданиятты чагылдырып бере алган. Ал ырасмий тарыхый жазмаларда, кыргыз кол өнөрчүлүк маданияты, ошонун ичинде көчөт маданиятынын маалыматтары жазылып калган. Атап көрсөтсөк, Кытай жазмаларында: «Кыргыздын баатырлары билегине көчөт түшүрүп алат, ал ургаачылары мойнуна көчөт сайдырып, кыз эмес, жубан болгонун белгилеп жүрөт» [6] -– деп, көчөттөн мазмун чыгарганы жазылган. Андан бөлөк, кыргыздын көчөттөрүнөн акыл сүйөрлүк (философиялык) түшүнүктөрүнүн чагылышы, кыргыз көчөттөрүнүн эң байыркылыгын, адепки маданият издердин көчөт менен сакталышын атайын айтса болот. Мисал үчүн, мындан 200 жыл мурда жасалган эки ала кийиздин бетине түшүрүлгөн көчөттөрдү окуп көрсөк, көчөт аркылуу тарых, баян «кийиз китепке» жазылганына ынанабыз.

Мындагы 1-сүрөттө, ала кийиздин четиндеги ак ийрек «чие жол» аталган кыргыздын улуу көчү, бул улуу көч «чие жол» деген байыркы залкар күү болуп эл ичинде чертилип жүргөн окуяны ала кийиздин көчөттөрүндө баяндап турушу эле. Ал эми 2-сүрөттө, ала кийиздеги баян көчөттөрдөн, качанкы бир байге, жөө жарыш сыяктуу улуттук маареке өткөнүн, маарекеге нечелеген чөлкөмдөрдөн катышканын ак чийин көчөтү аркылуу чийип, чөлкөмүн көрсөтүп баяндап турганын ар кандай киши окуй алат. Айтор, кыргыздын көчөт маданиятына жетишүү тарыхы жазуу колдонуудан мурдагы баян ыңгайы болгонун, ошого эл тилинде «кийиз китеп» деген айтым ушул күнгө жеткенин айтса, көчөт маданиятынын тарыхы узун экени өзүнөн билинип берет. Айтмакчы, булардан бөлөк, кыргыздын көчөт маданият тарыхын шырдак, сайма, өрмөк, чырмактарына түшүргөн көчөттөрүнүн чыгуу негизи, ал көчөттөрүндө катылган кыргыздын тээ байыркы элдик ишенимдери жатканын атайын көрсөтсө да кыргыздын көчөт маданият тарыхы абдан эртеде калыптанган, руханий жана заттык маданиятты жуурулуштурган узаккы маданият тарыхы бар экенине ишенүүгө болот.

2-§. Көчөт негиздери

Кыргыздын жөрөлгөлүү көчөттөрүнүн эң чоң чыгуу негизи, анда адам, айбандардын, табияттын, буюмдардын бүт тулку денеси эмес, алардын кээ бир мүчөлөрүнүн элесин көчүрүү (көчөттөө), нускалоо (тууроо) болгонун атайын көрсөтүү керек экен. Ал эмне үчүн көчөттө адам, айбан жана нерселердин бүт тулку бою түшүрүлбөй, белгилүү бир мүчөсү гана көчөткө негиз болду экен? Ушул суроонун жандырмагы кыргыздын көчөт чыгаруу негизин айтат. Айтмакчы, азыркы кыргыздын жасалгасына колдонгон көчөттөрү жөн эле кыялдануудан улам, көзүнө көркөм көрүнгөнүн алгандан эмес, көчөт нускасында кыргыздын акыл түшүнүгү, байыркы ишеними көчөт чыгаруу негизи болгон дегенди чорт айтууга болот. Бул чорт айткан сөзүбүздү кыргыз көчөттөрүнүн жалпы улуттук деңгээлге көтөрүлүшү, кыргызга бирдей жалпылашуусу, ал тургай көчөттөрдөн улуттук түстүн көрүнүп турушу, мына ошол жалпы улуттук санаадан (идеядан) чыкканы менен ырастай алабыз. Кыргыздын көчөт чыгаруу (көчөттөө) негизи мына булар болгон:

1. Элдик ишенимдер негизи

Кыргыздардын эң эртедеги элдик ишеними «бардык нерселердин ээси (пири) болот» деген караш болуп, ошол ээлерди «ата» атап, ошолорго таюу (сыйынуу) болгон. Алсак, «Ак кайып ата» кайберендин ээси, ал тургай зоолордун ээси «жер олуя ата»деген сыяктуулар болуп (дагы айтсак, аталар көп) ошол аталарды таюу түшүнүгүн калыпташтырып, табият менен адамдын ортосунда табиятты «ыйык» көрүү, алардын «ээси бар», ошол ээлер адамдарды карап турат деп, андан «айбыгуу» мамилесин тургуза алган. Ал ушул айбыккан (тайыган) ыйык нерселерди касиеттүү деп билип, ал касиеттүүлүктү күнүмдүк жашоосунда, атап айтканда, урунган буюмдарына көчөт кылып көчүрүп, ошол көчөттөгү касиеттүү кебетелер (ээлер) жашоону оңго тартып, адамдардын көөнүн тынчытат, иштерин жакшылыкка тартат деген ишеним пайда болгон. Кыргыз көчөттөрүнүн негизи мына ошол ишеним байлаган касиеттүү келбеттерди көчүрүүдөн чыккан. Алар:

1) Ыйык көчөттөр. Кыргыз тээ баштабында, шамандык ишенимди тутунган кезде, бардык нерсенин ээси (пири) болот, алар өз үйүр-тобун коргоп-колдоп жүрүү менен, адамды да колдойт деген ишенимде, табияттагы ар кандай заттын ээсинен айбыгуу, аны ыйык деп билүү, андан колдоо күтүү мамилесинде болгон. Ошол табияттын ыйык мүчөлөрүнөн айбыгуу, табиятка сыйынуу түшүнүгүнүн эң башы, асманга, Көкө Теңирге сыйынуу, асмандагы жандууга нуру менен кубат берген, табият кубулуштарын, аба-ырайы кыймылы аркылуу өзгөрүштөрүн пайда кылган күнгө, түндү жарыткан айга, асманды кооздоп турган жылдыздарга сыйынган. Ошол сыйынуусун өздөрү тапкан маданиятынын изи катары белгилеп, жашоосуна ошол из белгилерди коргоочу катары турмушунда ала жүргөн. Сыйынган, ыйык көргөн нерселеринин элесин көчүрүп колдонуу түшүнүгү ыйык көчөттөрдү чыгаруунун негизи болуп берген. Кыргыз көчөттөрүнүн ичинде, ыйык көчөттөр көп эмес, кадыресе, ыйыктыгын сактап, туш келди колдонбой, өтө сээрек колдонгон. Ыйык көчөттөр: күн көчөт, ай көчөт (ай нуска), жылдыз көчөт, умай көчөт жана тумар көчөт сыяктуулар болгон.

  • Күн көчөт. Кыргыз акылмандуулугунда, дүйнө карашында, күндү «жан» берүүчү катары түшүнгөн. Табияттагы жандуулардын жаны күндөн келет дегенге ишенген. «Күн көрүү», «күндүн сарысын көрүп жашоо», «күнү бүттү» деген сөз айкаштарынан жанды күнгө байлап түшүнгөн түшүнүк көрүнөт. Ошол үчүн, күнгө сыйынуу, күндү ыйык билүү салты калыптанган. Бетин жуубай күндү карабоо, күндүн көзү барда бузуку, уяттуу иштерди жасоодон айбыгуу сыяктуу аракеттеринен күнгө сыйынуу, аны ыйык билүү түшүнүгүн билгели болот. Ошондон улам, кыргыз ыйык көчөттөрүнүн башкысы күн элесин түшүрүү көчөтү болгон. Бирок, күн көчөтүн туш келди колдонбогон. Алсак, жерге сала турган нерселерге колдонбой, тек аска таштарга чегип, белгилүү убакыт мезгилди туюнтууга колдонгонун көрөбүз. Ал сайма менен жоолукка, туш кийиздин жүрөкчөсүнө күн көчөтүн түшүргөн. Андан бөлөк, оймо (шырдак), өрмөк сыяктууларга күн түшүрүүдөн этият болгон. Күн көчөтү адамга нур тартуулап, жаркын жол ачып турат, күндөн дем, кубат жалгайт дегенге жоруган.
  • Ай (нуска) көчөт. Кыргыздын айга сыйынуусу ушул күнгө чейин салтка, адатка айланып калганы көрүнөө иш.

Алсак, ай тууган (жаңырган) күнү «жаңы айга жүгүнүү», айга: «айдан аман кыл!» – деп тилек тилөө, бала курсакта биринчи кыймылдаганда, эне чыгып айды кароо (балага ажарды айдан тилөө) адат болгон. Андан бөлөк, кыргыздын көркөмдүккө, сулуулукка умтулуусу да айга салыштыра, айдын жаркын элесин сулууга чен кылып, «айдай сулуу», «айдай ак» деген теңөөлөрдү колдонуу адатын калыпташтырган. Ошондой түшүнүктөрдөн улам, ай (нуска) көчөт ыйык көчөттөрдөн болуп кирген. Айды кыргыз ыйык көргөндүктөн, ай балта, ай төөнөч сыяктуу кастарлаган буюмдарды айдын аты менен атаган. Ай (нуска) көчөт да утуру келген жерге түшүрүлбөйт, ыйыктыгын сактап, сайма жоолук, туш кийиз, жүк көркү сыяктуу кадырлаган жасалга буюмдарга сайма көчөт болуп түшүрүлөт да, оймо (шырдак), өрмөк сыяктуу жерге салма буюмдарга колдонулбаган.

  • Жылдыз көчөт. Кыргыздар асманга тыкыр баам салган эл катарына кирет. Эч кандай аспаптын жардамысыз эле асмандагы жылдыздарга ат коюп тааныган. Жылдыз жөнүндө түшүнүгү абдан жетилген. Кыргыздар билген жылдыздары Саманчынын жолу, 12 топ жылдыз (зодиактар), андан бөлөк, алтын казык жылдыз, Үркөр (өзүнчө топ жылдыз), чолпон жылдыз, Сары жылдыз, Жетиген, Үч аркар жылдыз, Толтойдун огу, Кошоктолуу кош музоо, Жети каракчы, Чоң аюу жылдыз сыяктуу көптөгөн жылдыздарды таанып, ал жылдыздардын жаратылышка болгон таасирин таанып, аалам таануу боюнча билими бөксө жүргөн эмес.

Кыргыздардын элдик ишениминде, ар бир адамдын жаны асмандагы ар бир жылдызда болот экен да, жылдыз учса, жер бетиндеги бир адамдын жаны учту (жоголду) деген түшүнүк болгон. Адамдар сапар чеккенде «жылдызга карап жүрүү», «жылдызын оңоп жол жүрүү» сапар ырымын тутунушкан. Аны сөздүктө [7] «Манастан» мындай сүйлөм менен ырастаган: «Аттанаар бүгүн күн эмес – жылдызга каршы күн эле». Жылдызды кыргыздар адамдын сынына, маанайына, өңүнө теңейт, жылдызды зоболосуна теңейт, алсак, «жылдыздуу киши» (өңдүү киши), «жылдызы жарыды» (зоболосу көтөрүлдү) деген сыяктуу жылдызды адамдын дилине, өңүнө байлап колдонуп, жылдыз ыйык болот деген түшүнүктү калыпташтырган. Мына ушундай түшүнүктөн улам ыйык көчөттөр катарына «жылдыз көчөтү» кирген. Ошого, жылдыз көчөтүнүн ыйыктыгын сактап, утуру келген жерге колдонбой, каадалуу орунга жылдыз көчөтүн түшүргөн. Көбүнчө, курактын «кырк курак» деген түрүндө жылдыз көчөтүн колдонгон. Андан бөлөк, сайма жоолук сыяктуу адамдар тепсебей турган аялуу жерлерге колдонгон. Жерге сала турган орундарга жылдыз көчөт түшүрүлбөгөн.

  • Тумар көчөт. Кыргыздарда тумарга болгон ишеними күчтүү болуп, тумардын колдоочулук касиетине ишеним байлап, тумар тагынган. Тумардын туруму үч бурч болуп, анын учтуу бурчу асман тиреп, ал эки бурчу жер тепсеп турган «тирөөч» катары көргөн. Кыргыз белгилеринде төрт чарчы белги колдонулбай, чарчыны да туурасынан тизип (Мисалы, шырдак көзү) тумарча турбатка келтирген. Тумарчаны жүрөккө окшотуп, туш кийиздин тумарчасын «туш кийиз жүрөгү», аяпактын, ал тургай, китеп баштыктын жапкычтарын бүт тумарча (жүрөкчө) кылып жасаган. Ургаачылардын тагына турган сөйкөсү, баалуу чачка такма чолпу, баргектери бүт үч бурч болгон.
  1. Баргек тумар 2. Өрмөк тумар 3. Жебилге тумар     4. Туштук тумар

Тумарды кыргыздар үй тумар, бой тумар деп атайлап жасаган. Үй тумарды үйдүн төрүнө илген, ал эми бой тумарды моюнга асып жүргөн. Тумардын ичи тулупча болуп, ага жети кара таш, азуулуу сырттандардын тиши, жылан мүйүзү, бөрү чүкөсү сыяктуу ыйык айбандардын (кайсыл табылса) мүчөсүн салып, же кайсы бир олуянын колу менен жазылган алкоо сөздөрдү ичине салып, тумарчанын четтерин кайып тигип, ага боо тагып илип алган. Бой тумарды аздектеп сактап, таза карманып, адамдык сапатын да таза кармап, тумардын ыйыктыгын сактаса, ал колдоочу болуп, жаман сөз (каргыш), жаман көздөн сактайт деген ишенимде болгон. Достошкондор көкүрөгүндөгү бой тумарларын тийиштирип, кучакташып дос болушкан.

Ал тумарча белгилерди, көчөттү колдонуу тумардын өзү эмес, тек тумардын элеси гана деп түшүрүлүп, аны бардык жасалга буюмдарга көчөт кылып, анын атын тумар атабай, «Тумарча көчөтү» деп буруп атап, кеңири колдонгон. Тумарча көчөтү адамдарга дале колдоочу, тирөөчү катары сезим берүү менен, анын көркөмдүгү да көчөт болуп түшүүгө ыңгайлуу болгон. Ал тургай, жалпы эле адамзаттын «үч бурчка» болгон түшүнүгүнүн, үч бурчтан чыккан билимдерин өздөштүрсө керек.

(5) Умай көчөт. Кыргызда ымыркайдын колдоочусу, коргоочу ээси умай деген ишенимди тээ шаманга ишенген кезден эле калыптандырып, баланы бөлөгөндө, кармап-сермегенде, «Менин колум эмес, \ Умай энемдин колу, умай эне колдосун, умай эне «Умай көчөт» умай эненин колдоп турган кол элеси болуп, көчөт балдардын бешигинин жалкынына, сайма жоолукка, кийим жакасына, эненин жүрөгүнүн башына (көкүрөгүнө) такоочу «ай төөнөч» аталган күмүш баргекке, туш кийиз жүрөкчөсүнө түшүргөн. Түбүндө «Умай көчөтү» ыйык көчөт катары жакшылыкка урунган ар кандай нерсеге түшүрө турган, кыргызга жалпылашкан көчөт болуп калыптанган.

  1. Күмүш ай 2. Умай көчөт уйку берсин!» – деп төөнөчтө Умай саймада Умай энеге баланы көчөт           колдоого тапшырган ишеним болгон.

2) Күч ишеним көчөттөр. Кыргыздардын элдик эң чоң ишениминин бирөө билек күчүнө таюу (билегинде тору бар), күчтү пир тутуу болуп, күчтүн пири «шах», «шай» деген ат менен аталган. Күчтүн жан коргоо, жанды аракетке келтирүү жөндөмүнө ишенген. Ушул ишеним боюнча, адам, айбандарды кыймылга келтирүүчү күчкө символ болгон мүчөлөрүн көчөт нускасына тандап, аны турмуштук буюмдарынын бетине көчөт кылып түшүргөн. Күчкө таюу ишениминин эң көрүнүктүүсү баатырлыкка таюу, баатырга сыйынуу болуп, баатырлык элесин ийинин чыгарып, каруу жиликти (каржилик) керип, обдулуп турган күч элесин көчөт кылып чыгарган.

  • Сыңар ийин. Адамдын, алптардын күчү билегинде деген ишеним боюнча, адамдын ийинин (мүрүсүн), каруу жилигин күчтүн символу кылып, колтук керип, көкүрөк көтөрүп, балбандык сүр көрсөткөн, ооба, балбандар демейки күрөшкө чыкканда, мүрү жогжорун чыгарып, билекти белге ие балбандык сүр чыгарып турган элести көчөткө көчүргөн. Сыңар ийин аталган көчөт кыргыздын оймо (шырдак, курак), сайма, чырмама (чий), сокмо (өрмөк) өнөрүнүн бардыгына колдонулган жакшылык тумары катары каралган, адамга бейпилчилик сезинткен көчөтү катары каралат. Ошондуктан, абдан көп колдоно турган шырдактын көзүнө (ортосуна), туш кийиз жүрөкчөсүнө төрт алп маңдайлашып олтуруп, алп дененин ийнин чыгаруу менен күчтү белгилеп турган сүрдүү отурумду колдонушуп, үйдүн коргоочусу катары кабылдаган. Көрсө, мындай төрт сыңар ийин «төрт алп» көчөт кыргыздын бүт бардыгына жалпылашкан. Мындагы кыргыз санаасы, күч адамдын кайсы мүчөсүнөн көзгө тартылырына акылы жеткенин, адам демейде жүктү ийинге (мүрүгө) көтөрүү, сүйрөгөндө ийинге салып тартуу сыяктуу аракеттерден ийиндин көтөрүмдүүлүк күч ченемин өздөштүргөнүнөн билинет. Демейде, эл ичиндеги айтымдарда, «мойнуңа аласыңбы?», «мойнуңа көтөр», «мойнуң менен жооп бер» дегендердин ичиндеги «моюн» дегени мүрү, ийин жөнүндө айтылып, күч бар жерди көрсөтүп турганы болчу. Сыңар ийин көчөтүнүн дагы бир түрү, таажылуу сыңар ийин болуп, башында таажысы бар элес көрүнөт. Майнаптаганда, күч ишеним түшүнүгү боюнча «сыңар ийин» көчөтү, баатырлыкты даңазалаган, баатырдык күчкө сыйынган көчөт эсептелет. Ошого, оймо, сайма, чырмак, өрмөк көчөттөрү болуп колдонулат.

 

  • Кош ийин. Кош ийин дегени, сыңар ийин сыяктуу жалгыз баатырдын ийини эмес, ийинге ийин уланып турган (кош мүйүзгө окшош) көп ийиндин баатырлык элесин көчөттөгөн. Кош ийин көчөтү кийин чыккан, Салбай деген өнөрчү чыгарган деген уламыш айтылат. Ошол себептүү кээ бир жерде кош ийинди «Салбай көчөт» деп авторлуу көчөт катары айтат. Бул көчөттө бирөөнүн ийнинен бирөө аша көрүнүп турган элес көрүнүп, көбүнчө, оймо (шырдакта, куракта) колдонулуп келген.
  • Кырк шах. Күч ишеними түшүнүгү боюнча, кыялданып чыгарган көчөт ушул кырк шах болуп эсептелет. Мында кайсы бир мүчөнүн, кайсы бир жандуунун элеси эмес, кыргыз күч ишенимине тайыган бир канча күч ишеним көчөттүн жыйындысы катары чыгарылган. Ал эми мунун аталышындагы «кырк» сөзү көптүктү туюнтма шарттуу сан, ал «шах» сөзү күчтүн пири «шай» (шай колдо дегендеги) сөзүнүн дагы бир айтылышы болуп «кырк күч» деген мааниде, күч ишеним күчтөрдүн жыйналган көчөтү деген кастарлуу көчөт эсептелген. Кырк шах көчөтү жонунан караганда, тумарча турбатта болуп, ошол тумарчанын төрт тарабынын маңдайлаш эки тарабы сыңар ийин болсо, дагы бир эки маңдайлаш тарабы мүйүз көчөт болгон да, ошол төрт жактын ортолору «бото моюн көчөт», «теке мүйүз» (сыңар теке мүйүздөр) менен туташтырылган. Ал как ортосуна «ит таман көчөт», «тайлак таман көчөт» же кайра эле «сыңар ийин көчөт», «бычак учу көчөттөр» менен толтурулган. Кырк шах көчөтүнүн татаал түрү жана жөнөкөй түрү чыгарылып, тектик ажатка карай жөнөкөй жана татаал түрү салынган. Ал тургай, ашканага эки катар (асты үстү), нече көздүү чыгарган кырк шах көчөтү түшүрүлгөн. Кырк шах көчөтү көптөгөн элестерди көзгө тарткан, өтө көркөм, салабаттуу болгон. Мындай эки катар, нече көздүү (көздү жергиликтүү айтымда «үй» атаган) кырк шах көчөттүү ашкананы кээ бир жерде «Гүлай көчөт» атап, авторлуу көчөт экенин билгизгени да, ал кийин чыгарылган, анда чоң акыл жумшалганын, күч ишеним күчтөрдү жыйнактап чыгармачылык жасаганын айтып турат. Кырк шах көчөтү оймо, сайма, чырмак, өрмөктүн бардыгына салынган, бирок тектиктин чоң-кичилигине жараша жөнөкөй түрү жана татаал түрү колдонулган. Кырк шах көчөтү адамдарга кубаттуулук, жашоонун татаалдыгын, чиелүүлүгүн эске салып, ой салууга түртүп турат.
  • Канат ишеним көчөттөр. Кыргыздын байыркы табият таануу түшүнүгүндө, уча ала тургандын бардыгын куш атаган. Ал куш атасы (ээси) «буудайык», «алп кара куш» «зумурук куш» (ушулар да кушка кирген) сыяктуу тээ аңыздык (мифтик) алп куштардан тартып чоң-кичи канаттууну жалпы ат боюнча «куш канат» деген жыйынтык түшүнүккө келген. Ал эми, күчкө сыйынуу ишениминин бирөө канат күчүнө ишенүү болгон. Канаттын күчү эбегейсиз болуп, асманга чыгуу, кайсы бир жерге ылдам жетүү канаттын кыймыл күчүнөн экенин тааныган. Ал куштардын чоңу алп кара куштан тартып, кичинеси чымынга чейин бардыгынын канаты алардын аракет күчү, жашоо күчү деп түшүнгөн. Алардын канат жазып учуп бара жаткан элесинен «канат көчөтү» тобун чыгарган. Кыргызда куш канатынын (каркыра же үкүнүн) саңоорун жана чалгынын «каркыралуу кыз» деген кыздардын шөкүлөсүнө, такыясына тигинен сая бекиткен, үкүнүн чалгынын баланын бешигине, чапандын мүрүсүнө ыйыктап кадап берген. Ушул канатка болгон элдик ишенимдер канат көчөттөрүнүн чыгуусуна негиз болгон. Канат көчөт тобу канат касиетине, күчүнө таюу, учууну аңсоо түшүнүгүн билдирген. Ал тургай, канат көчөт тобуна жашоого жеңилдик берип, илгери умтуулуучулук муратын билдирет деген ишеним байлаган. Канат көчөттөрү кыргыздын оймо (шырдак, курак), сайма, чырмама (чий), сокмо (өрмөк) өнөрүнүн бардыгына колдонулган. Канат көчөттөр тобу: куш канат, кош канат көчөт, каркыра көчөт, турна көчөт, багжагай көчөт, жагалмай канат көчөт, көпөлөк көчөт, чымын канат көчөт болгон.
    • Куш канат. Бардык эле канатын жазып учкан элес «куш канат» көчөтү болуп түшкөн. Куш канат дегенде, көбүнчө, кыраан бүркүттөрдүн, үкү сыяктуу ыйык делген канаты элестетилген жана ырымдалган. Куш канат көчөтү, көбүнчө, шырдактын четине түшүрүү бүт кыргыздын шырдагынын калыпташкан үлгүсү болгон. Ал айкашкан башка көчөттөрдүн да ажарын ачып, жарашып келет. Куш канат көчөтү илгери басуунун, көкөлөп бийикке чыгуунун жоруму катары адамдарга жылуу кабыл алынат.
  • Кош канат. Куш канат көчөтүнүн дагы бир көрүнүшү болуп, ал куштардын төрөлөрүнүн канаты кош болот деген түшүнүк боюнча элес чыгарылган көчөт. Мында, жалпы ат боюнча аталган куштардын канаттарынын түрдүүчө боло турганын чагылдыруу менен кошо, көчөттүн түрүн, көркөмдүгүн ашыруу максатында кош канат көчөтү чыккан.
  • Каркыра көчөт. Каркыралардын эрте жазда түштүктөн келишин, күз соңунда түштүккө кайтышын кыргыз саресепчилигинде дыкат байкап, жылдын мезгилдерин белгилеп турган. Мына ошол каркыралардын катары менен тизмектелип асмандан өткөн элесинен «каркыра көчөтү» чыккан. Ал каркыралардын канаты, учуу күчүн айтса, канаттын күчүнө болгон ишеним ого бетер артат. Каркыра көчөтү четтик көчөт катары «кой таңдай көчөтү» менен түспөлдөш түшүрүлөт.
  • Турна көчөт. Турнаны да кош канат куштардын катарында карап, ага кош канат чыгарган. Бирок, анын моюн көрүнүшүн өзгөчө көрсөтүп, узун моюн, канаты комдонуп турган кейип чыгарып, кош канат көчөтүнөн айырмалаган. Турнанын кооздугу да эске алынган. Турна көчөт, көбүнчө, сайма көчөтү болуп, саймага өзүнчө көрк чыгарып турат.
  • Багжагай көчөт. Бул да куш канат көчөттөрүнүн тобундагы көчөт болуп, мында үч канаттын сермелип турган элеси түшүрүлгөн. «Багжагай» дегени карганын тергеме аты болуп, бөрүнү тергеп «карышкыр» атаган сыңары аталган. Ал багжагай «айбандан миң жашаган карга-кузгун» деген элдик түшүнүктөн улам, жана келип, карга адам турмушуна аралаш жүргөн, адамга жакын болгондуктан көчөткө «багжагай» болуп аталган түрү бар. Эл ичинде багжагай көчөтү боюнча атайын айтым чыгып: «Кештеден сулуу багжагай, келинден сулуу Баржагай» – деп, багжагай көчөттүн көркөмдүк жагын даңазалаган. Ошол себептүү, багжагай көчөт оймо, сайма, сокмо (өрмөк), чырмама ж.б. кол өнөрчүлүк буюмдарынын бардыгына көчөт болуп түшкөн.
  • Көпөлөк көчөт. Көпөлөк кыргыз табият таанымында «гүл ээси» болуп, анын гүл уругун чачуусу, канат жаюу көркөмдүгү, түсү канаттуунун өрнөгү катары көчөт болуп чыккан.

Көпөлөк көчөтү саймада өтө жарашыгы чыгып, гүл ташыган сыңары жүз жоолуктун четине түшүп, махабаттарга маани туюнткан белек болгон. Андан бөлөк да, ар кандай гүл көчөттөр түшкөн жердин көпөлөк көчөтү ажарын ачуучусу катары көрүнгөн.

  • Чымын канат. Канат тобунда чымын канаты өзүнүн дирилдеген көркөм көрүнүшү, тегеле канаттуудан жок жери болбогону менен, чымындын дагы да элдик билим сырларына негиз, болуп да анын саймада быжыр колдонуу аркылуу бетти (текти) чылттоо ажаты боюнча көчөткө кирген. Чымын канат көчөтү, көбүнчө, саймада көп керектелген.
  • Мүйүз ишеним көчөттөр. Мүйүз мүйүздүү жаныбарлардын өзүн коргоо, таймашка түшүү, сүр көрсөтүү, кашынуу куралы болгон. Мүйүздүүлөрдүн бар күчү мүйүзгө жыйналган. Ошого, кыргыз мүйүздү күч деп түшүнгөн. Мүйүздү жандуунун чоң жетишкендиги катары тааныган. Эл сөзүндө: «Арык уйга жоон мүйүздүн эмне кереги», «Мүйүз сураймын – деп, кулагынан ажыраптыр» деген макал жана «ага жетишсең, сага мүйүз чыгат беле», «мүйүздүүлөр» (зобололуулар), «өзүн мүйүздүү санайт» деген сыяктуу айтымдар айтылып, «мүйүз чыгуу», «мүйүздүү болуу» өтө барктуу, каадалуулук деген түшүнүккө жеткен. Ал тургай, мүйүзгө колдоочу, коргоочу катары ишеним байлап, мүйүздү көрүстөн (бейит) башына коюу, үйдүн эшигине орнотуу сыяктуу мүйүзгө таюу аракеттерин жасаган. Атап айтканда, элдик ишенимдин бирөө мүйүз болгон. Ошо ишеним мүйүз көчөт тобунун чыгышынын негизи болгон. Мүйүз көчөт тобу: уй мүйүз, кочкор мүйүз, бугу мүйүз, кулжа мүйүз, теке мүйүз, кош мүйүз, телки мүйүз көчөттөрү болгон. Мүйүз көчөттөрү кол өнөрчүлүк жасалгасынын бардыгына, умай көчөт, сыңар ийин көчөт сыяктуу эле кастарлуу, ыйыктоочу орундарга коюлуп, бабалардын мүйүздү колдоочу катары көргөн түшүнүгү көчөткө киргизүүсүнөн билинген.

Айтмакчы, «мүйүз көчөт» жалпы ат болуп айтылганы менен, ал ар бир жасалгага ар бир мүйүздүн көчөтү башкача түшкөн. Мүйүз көчөт жалпы көрүнүшү, мүйүз түбү окшош көрүнгөнү менен, анын чечкин айырмалуу туруктары болот. Айтсак: Бугу мүйүз бутактап турат; кулжа мүйүз чыгырыкталып көрүнөт; кочкор мүйүз бир гана чыгырык ичке буралып көрүнөт; теке мүйүз аркага кайкалап ийилип, чычаңга карай жаачаланып, учу чычаңды мелжеп келет. Мүйүз көчөт тобу кыргыз турмушунда буюм жасоочу (шырдак) жана буюм жасалгалоочу көчөт болуп керектелет. Мүйүз көчөт адамдарга күч, ишеним берип, көөндү ток кармап, зоболосун бийик көтөрүүнү колдойт деген ишеним менен керектейт.

  • Уй мүйүз. Уй мүйүз чыгырыкталбай, ийрим түзүп, түзүрөөк ийилип, көбүнчө, ачакей иймек тартып турат. Ошого «уй мүйүз болуп олтурдук» деп ийрим тарта олтурган отурумду айтат. Уйдун дагы бир чоң касиети 12 мүчөлдүн бирөөнө кирген ыйык жаныбар. Уй мүйүздүн үлүгүн алгандан кийин таза, тунуктугу балдарга, төл айбандарга упчу болууга ылайык келген. Бала жана жаш төл айбандар эне эмчегин эмүү менен, бир кезде уй мүйүз упчу ээмп чоңоёт. Ушул касиети да уй мүйүз көчөт болуусуна негиз болгон көрүнөт.
  • Кочкор мүйүз. Уй мүйүздөн бир кыйла чыгырыкталган, бирок чыгырыкталышы кулжа мүйүзгө жетпеген турбатта көчөткө түшкөн. Бул үч мүйүздү чыгырыкталып туруу турбатына карай айырмаландырууга болот. Кочкор аталыктын бирөө, кадыресе, мүчөлгө кирген ыйык жаныбар, колго эрте өздөшкөн, турмушка жакын мүйүздүү болгондуктан «кочкор мүйүз көчөтү» чыккан. Ал көбүнчө, сайма, оймо, сокмо өнөрдүн көчөтү болуп берген. Кочкор мүйүз көчөтү жашоого колдоочу катары көрүнөт. Кочкор мүйүздү жергиликтүү айтымда «кочкорок» көчөтү деп айта турганын, анын түрлөрүн Ж. Мукамбаев сөздүгүндө мындай көрсөтүптүр: «жавык кочкорок зам. туюк сайылган сайма көчөттүн бир түрү; гилемдин жавык кочкорогун бүгүн согуп болот (ал кээ бир жерде “пүтөм кочкорок” деп аталат); сыңары кочкорок жалкы мүйүздүн элесин берген көчөт, оюу; ыспылы кочкорок сайма көчөттүн жээги туюкталып сайылган бир түрү, чыт батк., лейл. орто жери бөйрөктүү келип, жогор жана төмөн жагы ичин карай иймейип, кочкорок сымал келген көчөт; чыт көчөт салавыз»[8]
  • Бугу мүйүз. Бугу кыргыз улутунун тотемдик (тектеш айбан) жаныбары эсептелет. Бугу аты менен, кыргыз саресепчилигиндеги бир ай «бугу айы» деп аталган. Кыргызда «Бугу

1.Бугу мүйүз 2. 60 айры бугу эне» аңызы жалпылашып, ага болгон ишеним күчү менен жеткен. Ал бугу мүйүзү ишеним жагынан өзгөчө аздектелет. Бугунун мүйүзүнүн канча айры болуп бутакташы, ошончо кадырлуу болгон. Жети айры бугу деген айтым көп айтылат. Ал бугунун ээси (пири) 60 айры ак бугу имиш. Дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч. Айтматов кыргыздын бугуга болгон тотемдик ишенимин «Ак кемеде» дүйнөгө жайып, кыргыздын табият карашын таамай көрсөттү. Бугу тотем аңыздык ишеним негизинде чыккан бугу мүйүз көчөтү кыргыз жасалгасынын төр жактарына, оймо (шырдак, курак), сайма, чырмама (чий), сокмо (өрмөк) кол өнөрүнүн бардыгына колдонгон. Бугу мүйүз көчөтүн кыргыздар залкар көчөт катарында карап, жакшылыктуу тилекке арнап, эне мээри түшкөн «бешик» катары көрөт.

  • Кулжа мүйүз. Аркар-кулжаны кыргыз ак кийик деп атаган. Аны ишениминде «ак кайып» деп түшүнгөн. «Кайып» сөзү кошулган айбан касиеттүү жаныбар эсептелет. Манас баатырдын колдоочу кайыптарынын катарында 60 кулжа Манасты жандап жүргөнү айтылат. Ал кыргыз жыл эсепчилигинде «кулжа айы» деген ай атына коюлган. Ушундай ишеним негизинде «кулжа мүйүз көчөтү» чыккан. Кулжа мүйүз көчөттө башка мүйүздөрдөн, чыгырыкталып көрүнүшү менен айырмаланылат. Кулжанын жетилген мүйүзү үч чыгырык болуп ичине карай буралып турат, ал жаш кулжанын мүйүзүнүн чыгырыкталып келиши бир чыгырыктан башталат. Ошого чыгырыкталып турган мүйүз кулжа мүйүз болуп айырмаланат. Кулжа мүйүз көчөтү жакшылыкка, базмырттыкка, колдоочулукка колдонулган.
  • Теке мүйүз. Тоо теке, тоо эчкини кыргыз «боз кийик» атайт. Тоо теке аты менен кыргыз саресепчилигиндеги бир ай «теке айы» деп аталган. Ал теке мүйүз таш куралдан кийинки адамзат колдонгон курал болуп, арык казуу, жер айдоо (теке мүйүз амач) сыяктуу адам ажат кылган эмгек куралы болгон. Теке мүйүз, кулжа мүйүз, уй мүйүздөн айырмаланып, ал алдыга имерилбей (чыгырыкталбай) аркага кайкайып, чычаң жагын мелжеп өсөт. Жетилген теке мүйүздө он нече бертик болуп, өзгөчө кайкайып шаңдуу көрүнөт. Кө- чөткө да аркага чалкалаган шаңдуу түрү түшкөн. Теке мүйүз көчөтү бийиктик, зобо- лолуулук жышанасын берип турат.
  • Кош мүйүз. Кош мүйүз кыялдануудан чыккан өзүнчө көчөт болуп, көркөмдүк ажаты үчүн колдонулган. Ал көбүнчө, кулжа мүйүздүн үстүнө теке мүйүз, же бугу мүйүз улап түшүргөн мүйүз көчөттү «кош мүйүз көчөтү» аталып, мүйүздөн мүйүз көрүнгөн, көркөмдүк, бийиктик көчөтү болгон. Кош мүйүз көчөтү зоболо көтөрүү, бийиктен бийикти күсөөнү көргөзгөн.
  • Көз ишеним көчөттөр. Көз – адам, айбандын тиричилик кепелети, өмүрдүн күйүп турган чырагы. Ошого кыргыз кайтыш болгонду «көз жумду» сөзү менен туюнтуп, көздү жан менен тең орунга койгон. Көздүн физиологиялык кызматынан бөлөк, дагы элдик ишеним жагында да өзүнчө кызмат өтөп келген. Кыргыз түшүнүгүндө «көздүн ээси бар» (калкалоочусу болот), «көзү тиет» (көз менен атат), «көзү ачык» (керээтчи) деген сөз айкаштарынан көзгө болгон элдик ишеним көрүнүп турат. Көз жасалга буюмга көчөт болуп, түшкөн жерин да кооз көрсөтүп тургандыгы көз көчөттөрүнүн чыгуу себебинин бирөө катары көрсөтсө болот. Бирок, көздөрдүн көркөмдүгүнөн да, көзгө болгон элдик ишеним жагын баса карап, кыргыз жасалгасына көз көчөттөрүн чыгарганы айкын. Көз көчөттөрдү буюмдарга түшүрүү «көз болот» (сактайт), «көз тийбейт» деген ырымын негиздегени эле. Көз көчөттөр тобу: тоок көз көчөтү, кекилик көз көчөтү, кой көз көчөтү, музоо (уй) көз көчөтү деген көчөттөрдү камтыйт. (22) Тоок көз. Эл ичинде тооктун убакыт билип, маал чакыруусу анын көзү (мээси) касиеттүү деп түшүнүлгөн. Дагы келип, тооктун көзү улар, тоодак сыяктуу жаныбарлардын көзүнө өкүлдүк этип, көчөттө анын көркөмдүгү да эске алынган. Көз көчөттөрү, көбүнчө, кошумча көчөттөр катары, кажары, кара терме боолордун четине коюлган. Саймада бир кыйла арбын колдонулган.
  • Кекилик көз. Кекилик көздүн сурмаланып, керилген каштарына жарашып келиши көз сулуулуктун чени катары көрүнгөн. Ошого «кекилик көз көчөтү» атайын коюлган.
  • Кой көз. Койдун көзүнөн коңур, баёо, калбааттуулуктун элеси көрүнөт.

Кой 12 мүчөлдүн ичине кирген ыйык жаныбардын бирөө катары «кой көз» көчөтү болуп тандалган. Дагы келип, кой көздүн моймолжуган көрүнүшү өзүнчө көркөмдүктү ачып турат. Кой көз көчөтү адамга топуктуулук тартуулайт.

  • Музоо (уй ) көз. Уй 12 мүчөлдүн ичине кирген ыйык жаныбар, «Заңги баба» аталган уйдун пирине таюу болгондон улам, музоонун көзүнөн топуктуулук, баёолук билинип, ач көзгө салыштырмалуу көрүнгөндөн улам, дагы келип, музоонун көзүнүн капкара, узун кирпиктүү сүзүлүп көрүнүү сулуулугунан улам «музоо көчөт» деген көчөттүн чыгышына негиз болгон түрү бар.
  • Тил ишеним көчөттөр. Кыргыз элдик ишениминин бирөө тилдин күчүнө, тилдин жөндөмүнө ишенүү болгон. Көнүмүш айтымда «тил – жаак – сөз» айтылыштары башка болгону менен, берген мааниси бирөөнүн ордуна бирөө колдонула турган маанилеш сөздөр болгон. Тилдин, сөздүн күчү адамдын жандуудан артык жөндөмү катары каралат. Алкоо сөздөр, каргыш сөздөр сөзсүз тиет дегенге ишенген. Ал эми «жаак» сөзү «тил» сөзүнүн ат атоочу катары колдонуусу сүйлөө адаты катары каралат. Тилдүү, сөздүүнү «жаактуу», «кара жаак» десе, ал кайым айтышууну «жаакташуу» деген сөз менен туюнтканы «жаак» сөзү «тил» сөзүнүн ордуна колдоно берерин айтып турат. Ал кыргыз макалында: «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендеги «жаңылбас жаак» сөз айкашы «жаңылбас тил, жаңылбас сөз» дегенге маанилеш айтылган.
  • Жаакча көчөтү. Кыргыздын көркөм көчөттөрүнүн бирөө «жаакча көчөтү» болуп, ал тилдин күчүнө болгон ишенимден улам көчөт болгон. Тактап айтканда, жаакчанын көчөт болуп кириши, биринчиден, баштын төмөнкү бөлүгүндөгү сөөктүн элеси болгонунан, дагы бирөө, ал тилге өкүлдүк кылган, «тил» деген маанинин ордунда колдонулушунан, тилдин күчүнө болгон ишенимди түп кармаганынан көчөткө кирген. Ал көркөмдүк жагынан жаакчанын башка көчөттөр менен айкашып, жарашып турушу көчөттүк толумдуулукту даярдаган. Жаакча көчөтү адамга кайраттуулукту, чымырканууну багыштайт.

7) Бут ишеним көчөттөр. Кыргыздын элдик күч ишениминде, бут жандын тирөөчү, аракеттенүүнүн куралы деп таанылган. Эл ичинде «балтыр эти катуу» күч киргендиктин чени болгон. Бут-кол жиликтердин ар биринде касиет, ырым болгон. Айтсак, каруу жиликтин (каржилик), өзүнчө ырымдары бар, каруу жиликти тагасы бар киши чакпайт, жол шериги кылып куржундан үзбөй алып жүрөт. Ал жол колдоочусу катары каралат. Ал эми бөрүнүн чүкөсү оомат оодуруп, жакшылык, утушту өзүнө тартат деген ырым менен, бөрүнүн чүкөсүн тагынып жүрөт. Ал эми далынын төлгөчүлүк жөндөмү жогору, далычы деген атайын кесиптик жоромолчулар болгон. Айтор, бут-колдун күчүнө, болуп да «изге» болгон элдик ишеним калыптанган. Таман, туяк касиетине ишеним тутунган. Ал азуулуу айбандардын бут тырмагы касиеттүү деген ишеним калыпташып, бөрүнүн, түлкүнүн шыйрагын, тырмагын кереге түбүнө, бешиктин астына байлап койсо, андан жин коркот, илээшкен жолой албайт деген ырымды иштешкен. Ошол бут күчүнө, жиликтерине болгон ишенимден улам чыккан көчөттөр тобу калыптанган. Алар: «Тайлак таман», «ит таман», «тай туяк», «кой туяк», «чычкан из» көчөттөрү болуп эсептелет.

  • Тайлак таман көчөтү. Үй айбандары ичинде, күч жагынан төөгө теңеле турганы жок. Болуп да төөнүн бутунун күчү, таманынын эң берекелүүсү өзгөчө, «Ойсул атага» сыйынуу ишеними да төөнүн таманынын көчөткө киришине себеп болгон. Төөнүн таманын анын изинен караганда, жерге жайыла ачылган гүл сыяктуу көрүнүшү да көчөткө түшүрүүгө жарашыктуу турат. Ал кыргыз көчөт аталыш мыйзамы боюнча «төө таман көчөт» дебей, кичиртип, эркелете «тайлак таман көчөт» атаган. Бул көчөттү түшүрүү бейпил, берекелүү, бардар болуунун ырымы болгон.
  • Ит таман көчөтү. «Ит таман» көчөтүнүн чыгыш негизи, кыргыз тилинде азуулуу айбандардын жалпы аты «ит-куш» болгон. Ал ит-куш аталган азуулуулардын ээси (пири) кумайыктан (ит элестүү) тартып, шер, жолборс, бөрү сыяктуулардын бүт эле баарын ит атаган. Айтылган «ит таман көчөтү» ушул азуулуу айбандардын таманынын көчөттөлүшү болгон. Дагы келип, көркөмдүк жагынан ушул айбандардын таманынын изи (болуп да карды баскан изи) кандайдыр ачылган гүл сыяктуу көркөм көрүнөт, кадыресе «ит таман» аталган жалбырак жайымы иттин таманына окшош өсүмдүк бар. Ушул себептүү, «ит таман» аталган көчөт кыргыз жасалгаларынын көбүнө колдонулуучу көчөт болгон. Дагы жергиликтүү айтымдарда «сүлөөсүн тырмак» атай турган көчөт бар экенин Ж. Мукамбаев мындай жазган: «сүлөwсүн тырмак сүлөөсүндүн тырмагын элестеткен сайманын аты»[9].
  • Тай туяк көчөтү. «Тай туяк» деген жалпы ат болуп, бүт эле том туякты, башы жылкы ээси «камбар атадан»

(камбар атанын туягы тайдыкындай кичине болот имиш) баштап, казганат, буудан, учуучу тулпарлардын, демейдеги жылкылардын туягын туюнтканы эле. Жылкынын чоң касиети «адамдын канаты» деген наам алганынан билинип, ал айтылган аттын канаты анын туягы болгон. Жылкы 12 мүчөлдүн ичине кирген ыйык жаныбардын бирөө катары «тай туяк көчөтү» ка лыптанса керек. Жылкы баласы байгеде, болуп да көкбөрү тартуу кысталаңда жыгылган адамды туяк сезип баспайт. «Тай туякты» адамдар бут кийимге жана шалдыр музыкалык аспаптарга колдонгон.

  • Чычкан из көчөтү. «Чычкан из көчөтүнүн» чыгышы кыргыздын бут күчүнө, бут «изине» болгон ишеними болуп, из калтырууну адамзатка эсе кошуу, аркасында изи калды дегени «изин басар» бала калды деген ишенимдик мааниде түшүнгөн. Ал тургай, изди эң алгачкы жазуунун баяны катары пайдаланган. Эл ичинде атайын изчилер болуп, из кууп (окуп) көптөгөн маалыматтар менен камдап турган. «Манас» чоң жомогунда маалымат чогултуучу «Төлгөчү көп, изчи көп,\ Чечени көп, сынчы көп» (Ж. Мамайда) [10] дегендей, кандим изчилер үйүрлүү жылкынын топ изинен керектүү жылкынын изин тааный алышкан. Изчилер, ал тургай нече күндүк эмес, нече ай алдында баскан издерди кууп жорум айта алган. Ушундай изчиликке болгон чоң ишенимден улам, из түшүнүгүнө өкүл катары, чычкан изин жер бетине табийгы түшкөн сайма, чийме деген көркөмдүктө таанып, аны атайын «чычкан из көчөтү» деп атаган. «Чычкан из көчөтү» ак секирик көчөтү сыяктуу кошумча көчөт болуп, буюмдун чет жакасын кооздоого керектелген.
  • Карга тырмак көчөтү. Бут күч ишениминде, тырмак түшүнүгү жетилген. Тумшуктуу жаныбарлардын (канаттуулардын) кол катары тиричиликке таянары тырмагы болуп, тырмагын салып кармоо, жем тытып жеш, жер таяныш бүт тырмакка сөөнүлгөн. Тырмактуунун ээси буудайыктан баштап, бүркүт, куштардын тырмактарында касиет бар, бүркүт, куш тырмагынан жин, илээшкен коркот, ал бар жерге жолобойт деген түшүнүктөн улам, бүркүттүн тырмагын баланын бешик жалкынына илип коюу, аны коргоочу тумар катары балдардын чапанынын мүрүсүнө көктөп берүү сыяктуу ырымдарды жасаган. Жаман жагынан «Жез кемпир», «Желмогуз» аталган аңыздык терс кейипкерлерди «жез тырмак» атаган. Алардын тырмагы уу тырмак болот имиш деген жөө жомоктор көп айтылат. Айтор, тырмак жөнүндө өзүнчө элдик ишеним түшүнүгү калыптанган. Ал эми, көчөткө тырмактууларга өкүл катары «карга тырмакты» тандашы да жөн эмес, «айбандан миң жашаган карга-кузгун» деген элдик түшүнүктөн улам, жана келип, карга адам турмушуна аралаш жүргөн тырмактуу болгондуктан, «Бүркүт тырмак» дебей, көчөткө «карга тырмак көчөтү» деп жайдары атаган түрү бар. Карга тырмак көчөтү жакшылыкты, колдоочу көчөт катары колдонулат. Ал Карга тырмак көчөтүн жергиликтүү айтымдан Ж. Мукамбаев мындай маалымат берген: «карга тырмак жерг., өзг. 1. тикендүү келген, көбүнчө кой жей турган өсүмдүктүн аты; карга тырмак – тикендүw от; 2. шырдактын чекесине кичине үч, төрт, беш ачаланып салынган, буттун тырмагын элестеткен орнамент (бул көчөт кээде «газ айак, тоок пут» деп аталат да, анын эки чекеси кыска, ортоңкусу узунураак согулат) »[11]
  • Кой туяк көчөтү. «Кой туяк» бүт эле ача туяк жаныбардын туяк элеси, болуп да ак кайып, аркар-кулжанын туяк элеси, ал «чолпон атанын» туягы деген ишеним болгон. Кой туягын бөрүнүн сөзү менен айтканда «кой кечкен суу» деп ичкен каадасы да эл ичинде айтылат. Кой 12 мүчөлдүн ичине кирген ыйык жаныбардын бирөө катары «кой туяк» көчөткө кирүү негизи даярдалган. Кой туяк көчөтү, саймада көбүрөөк колдонулуп, бейпилчилдик, токчулуктун белгиси катары ырымдалган.
  • Бел ишеним көчөттөр. Кыргыздын күч элдик ишениминин бирөө бел күчүнө ишенүү. Бел моюндан куйрукка чейинки дене кандыргасын кураган зарыл бөлүгү бо луп, бел чоң жагынан моюн, арка, омуртка, чычаң (куйрук) сөөктөрүнөн куралат. Кыргыз түшүнүгүндө, бел күчү сөөктүн көтөрүмдүүлүгүнөн гана эмес, рухий жактан кайрат, тирек, жөлөк, таяныч болууну «бел болуу» деген сөз айкашы менен туюнткан да: «бел болоруң барбы?», «бошотпогун белиңди, кетирбегин демиңди» [12], «бел байладым» (кайратка келдим), «элдин бел болору» деген сыяктуу сөз айкаштарынан, сүйлөмдөрдөн белдин руханий күч ишеними көрүнгөн. Ал белге болгон ушундай түшүнүктөн улам, белди кураган мүчөлөрдөн көчөт көчүрүп, белдин күч ишенимин көчөтүнө салып жүргөн. Бел көчөттөр тобу: бото моюн көчөтү, каз моюн көчөтү, омуртка көчөтү, ит куйрук көчөтү сыяктуулар болгон.
    • Бото моюн көчөтү. Кыргыз бодо малынын ичинде, биринчилерден болуп төө көзгө тартылат. Төөнүн бийик денесинен да, анын көзү менен моюну адамды өзүнө тарткан айбан катарында каралат. Башын койкойтуп көтөрүп турган ийри мойногу сонун элес берет. Төө ээси (пири) «Ойсул ата» аталган. Ойсул атага таюу, буура төөнүн көзү ачык болот, ага жин жолобойт деген элдик ишеним менен, буура төөнүн чууда жүнүнөн өрүп баланын мүрүсүнө, жонуна такап коёт. Ушул себептерден улам «бото моюн көчөтү» чыккан. Бул көчөттүн түшүшү адамдарга «ак төөнүн карды жарылган кез» деген байкердикти тартуулаган. Көбүнчө, шырдактын, курактын четтигинде, кыдырата бөгөжүлөп койгон ботолордун ийри моюндарын элестетип турат.
  • Каз моюн көчөтү. Узун моюн канаттуулардын ичинен адамга жакыны каз болгондукктан ак куу, турна сыяктуулардын моюндарына өкүл катары, канаттуулардын узун моюндарынын көчөтүн «каз моюн көчөт» атаган. Негизи комдонуп олтурган каздын узун мойну көчөттүн көркөмдүгүн чыгарган. Каз моюн көчөтү, көбүнчө, саймада, болуп да кир баштык сыяктуу үй буюмдарынын беттерине түшкөн. Каз моюн көчөтү үмүттүн, аңсоонун, күтүүнүн элесин берет.
  • Омуртка көчөтү. Бел күчү ишениминде омурткага болгон түшүнүк бир кыйла терең болгон. Малда алты омуртка болот, карчыганын омурткасы бешөө, куймулчакта бир омуртка болот. Омурткага болгон кыргыз ишеними, анын ар капталын өзүнчө жоруп, бир «сырлуу казынак», «сырдуу карта» катары элестеткен. Ал казынакта, картада эмнелер бар экенин элестүү жоруу, адамдардын элестетүү жөндөмүн, болуп да балдардын турмушту элестетүүсүн ачып, элестетүү жөндөмүн омуртка таанууга биргелештирген. Ал омуртка сөөгүнө элестете айткан жорумдар бүт кыргызга жалпылашкан. Омуртканын элестүү жорумасы мындай: Омуртканын таалайы бар башын «Чечендердин таңдайы» – деп жоруган; Таңдайдын каршы башы «Күлүк аттын маңдайы» – деп, омурткадагы иймек сөөктү «Усталардын ийгиси» – деп, омуртканын белиндеги кайкысын «Айры белес ач кайкы» – деп, омурткадагы азууга окшош сөөктү «Күлүк аттын азуусу» – деп, ал омуртканын далдагай эки канат сөөгүн «Учар куштун канаты» – деп, омуртканын көңдөйүн «Калтардын ийини» – деп омуртка картадан окуган. Омуртканын ушундай сырдуу, сөөгүнүн көп кырдуулугунан улам, жасалгага көчөт болуп көчүрүүнүн негизи болгон. «Жарты омуртка, бүтүн омуртка, омуртканын колтугу» деген көчөт түрлөрү бар.
  • Ит куйрук. Кыргыз акылмандуулугунда азуулуу айбандардын жалпы аты «ит-куш» болгон. Ал ит-куш аталган азуулулардын ээси (пири) кумайыктан (ит элестүү) тартып, шер, жолборс, бөрү сыяктуулардын бүт эле баарын жалпы ит атаган. Булардын куйруктары нын түрпү окшош көрүнгөн. Ошого, бел күч ишениминин бирөө катары, дагы келип, азуулуу ушул айбандар күчтүүлүгүн көрсөтөрдө куйругун чамгарактатып, ал корккондо куйругун кыпчып жүрө турган адатынан улам, булардын күчүнүн чени куйругунда деген түшүнүккө келген. Ал көркөмдүк жагынан да сеңселип, чачы таштап көрүнүшү, ал өсүмдүк ичинде «ит куйрук» аталган бийик өсмө чөп бар экенин эске алып, азуулуулар куйрук элесин, адамга жакындыгы жагынан карап «ит куйрук көчөтү» кылып көчүргөн. Ит куйрук көчөтү жалгыз гана иттин куйругу эмес, ал азуулуулардын сырттандарынын куйрук элеси катары түшүнүлгөндүктөн, жасалгага салган көчөт колдоочу катары ырымдалган. Ал иттин куйругу деп түшүнгөндө да, адамга эң опаалуу айбан, адамга шерик айбан катары бул көчөттү «шерик» тутунган.
  • Чеп тутунуу ишеним көчөттөр. Кыргыз акылмандыгында, жашоосунда чеп, чек түшүнүгү калыптанган. Ар кандай нерседе чек сактоо деген түшүнүгүнөн, кадыресе, напси чегин, сөздүн, иш-аракеттин чегин сактоо, ашынбоо деген түшүнүк сыңары, жашаган чөлкөмүнө чеп белгилөө, атап айтканда, короо, өтөк, айыл, аймак, мамлекет деген чөлкөмдөрдүн чебин билүү, өз короосунун чеп көлөмүн малчы гана эмес, короодогу мал да таанып, короосун таап келүү, өз короосу дегени эң кичирейтилген жашоо чөлкөмүнүн чеги, анын чеби болуп, чеп тутуу түшүнүгү мына ушундан башталган. Ушул түшүнүк кыргыздын жасалгасына өзүнчө көчөт болуп түшүрүлгөн. Ал тургай, чеп, чек тутунуу ишенимин бекемдеп, жасалгаларында бир көчөт менен дагы бир көчөттүн арасын бөлүп көрсөтүү ажатынан атайын чеп бөлгүч көчөттөрдү чыгарган. Бул чеп бөлгүч көчөтөр тобу: Чийин жол көчөтү, бармактооч көчөтү, ак секирик, ара тиш, кыйдам, кой таңдай, тап салуу, суу салуу көчөттөрү болгон.
  • Чийин жол көчөтү. Адамзаттын жол таануусу чөлкөм таануу менен түз байланыштуу. Кыргыздар көчүпконуу жашоосунун ажатынан улам, жол таануу, жол чалгындоо аракеттерин тынбай иштеген эл. Конуш алган өтөк, короо, жайыттарына чеп белгилеп, белгилүү чийиндин чегинде өндүрүш, тиричилик алып барган. Ал чийиндер белгилүү тоонун кыраңдары, тоо кыркалары, кайсы бир суу сыяктуулар болуп, ошол чепти өз мекен жайы деп тааныган. Ошол жашаган чөлкөмүн чийин аркылуу белгилөөдө, эң алгачында, жазуу жарала электе кийизге көчөттөп түшүрүү, көчөтүн ташка чегип алуу аргасын колдонгон. Ошол жол көчөтү болуп, чөлкөм чегин белгилөө менен кошо, көчөт менен көчөттүн чегин айруу белгиси болуп калган. Чийин жол көчөтү, көбүнчө, ала кийизге басып түшүрүлгөн, ал чийин түз сызык менен эмес, ийри сызык менен белгилеп, чийиндин түз болбостугун, жолдун татаалдыгын чагылдырган. Чийин жол көчөтү адамдарга баскан жолун, басар жолун элестетип турат.
  • Бармактооч көчөтү. Чепти бармак менен басып, бармак менен көрсөтүп туруу деген түшүнүктөн улам бармактооч көчөт деген ат коюлган. Кээ бир жерлер, кээ бир уздар бул көчөттүн атын «казан кулак», «ийрек» деп жөнөкөйлөштүрүп атап алган. Бармактооч көчөтүнүн мааниси аябай терең, «кийиз китеп» окуучулар ак-кара менен түшкөн бул бармактын башынын элеси түшүрүлгөн көчөттүн агын эл ичи, карасын бөтөн эл деген чепти көрсөтүп турарын айтат. Ал тургай, мамлекет чеби катары жоруйт. Бармактооч көчөтү туруктуу түс менен, ак-кара болуп түшүшү, кадыресе, бүт кыргыздын шырдагында чеп катары ак-кара бармактоочтун түсү өзгөрбөй турушу чоң мазмунду камтып турат. Ал тургай, шырдак көзү аталган көздөрүн тегеретесин, шырдак четинин бүт тегеретесине ак-кара түстөгү бармактооч менен курчап коюу, ички аймактык чеп жана жалпы мамлекеттик чепти тутунган түшүнүктү туюнтуп гана калбай, көркөмдүк жагынан көчөт менен көчөттүн чегин чечкин айрып, алардын айкын көрүнүшүн чыгарып, ак ала чечек ачтырып, бүткүл өңдү жараштырып көрсөтүү жагына ажат болгон. Бармактооч көчөтү адамдардын чеп коргоо түшүнүгүн, ар кандай нерсенин чеги айкын болуу түшүнүгүн көзгө тартып турган, чеп коргоо ишенимин бекемдеген жөрөлгөлүү жана ыйык көчөт эсептелет.
  • Ак секирик көчөтү. Чеп, чек белгиси катары чыккан көчөттүн бирөө «ак секирик көчөтү» болгон. Анда, бир ак, бир кара түс «аттамак» болуп созулат да, өзү энсиз келип, кайсы бир көчөттүн чегин айрып, бир нерсенин четин, чебин айкындап турат. Ак секирик көчөтү, көбүнчө, өрмөктүн – кара терме, кажарынын, чырмак чийдин көчөттөрүнүн чет жакасына жакалатып салынат. Мисалы, чырмактын – ашкана, чырмаган чийдин ортосундагы «Кырк шах көчөтүнүн» четин чектеп, актыкара менен таасындаштырып берет. Бул көчөттү жакшылыктын басар жолу катары жоруйт. Ак иш секириктеп келсин дегенге жоруган.
  • Ара тиш көчөтү. Чеп, чек белгиси катары чыккан көчөттүн бирөө «ара тиш көчөтү» аталган. Бул көчөт тоо кыркаларын, кыдырата кеткен курбунун адырмак учтарын элестетилген көчөт болгону менен, демейде колдонууда аранын тиши сыңары идирмек көрүнүшүнө карай, «ара тиш» аталган. Ара тиш көчөтү көчөттөр жакасына, курчоосуна колдонуп, алардын чебин бөлүп, көчөттөрдү таасындаштырып турат. Бул көчөт жашоонун коргону дегенге жорулган. Көбүнчө, сайма, өрмөк көчөттөрүндө колдонулат.
  • Кыйдам көчөтү. Чеп, чек белгиси катары чыккан көчөттүн бирөө «кыйдам көчөтү» эсептелет. Кыйгач кертилген бөлүктөр менен белгилүү чепти, көчөттөр арасына чеп болуп туруучу көчөт болуп, өрмөк, чырмак, саймалардын көчөтү болуп түшөт. Кыргыз кесиндини чорт, тик кеспей кыя кесүү түшүнүгүн карманган. Алсак, эң баалуу тамак жал менен, куйрукту кескенде, уча кескенде, жыгач кескенде бүт кыя кесүү адаты болгон. Кыйдам көчөтү ошол кыя кесиндинин окшобогон түс менен айкашып, кыналып кайсы бир чекти чектеп турганы көрүнгөн. Кыйдам көчөтү жашоодогу каланган корук, кашаанын элесин берип, адамдардын бейпилдигин туюнткан.
  • Кой таңдай көчөтү. Чеп, чек көчөттөрүнүн бирөө «кой таңдай көчөтү» болгон. Бул көчөттүн элеси койдун, тегеле малдын таңдайынын иймек божуп, тармалданып туруусунан алынган. Бул көчөт, көбүнчө, өрмөктүн, атап айтканда, кара терме боолордун чет жакасына, көчөт арасына чеп болууга колдонгон. Кыргыз акылмандуулугунда, таңдайда дайыма кызга жегизип, кыздын уз болуусуна ырымдаган. Бул көчөттүн түшүүсү тектикти кооздоп гана калбай, кадыресе, кыз балдарды уздукка сүрөп турат.
  • Тап салуу көчөтү.

«Тап» сөзү жол, тилке деген маанини берет. «Таптан чыкпай» деген сөз айкашы «жолдон чыкпай» деген маанини берет. Чеп, чек белгилөө көчөттөрүнүн бирөө «тап салуу көчөтү» деп аталган. Бул көчөт кайсы бир түс менен кайсы бир көчөттү айырмалоо үчүн, бир түрдүү түс менен тап салат. Тап салуу, көбүнчө, өрмөк соккондо, «ала таар» (палас таар) аталган, башка көчөт салбаган сыйдам таарлардын белгилүү талаа чегин айрууда тап түшүрүп, талаалатып колдонулган. Тап салып согулган өрмөк (таар) бир түрдүү сыйдам көркөмдүктү берет.

  • Суу салуу. Табийгы жаратылыш жер түзүлүшү боюнча чеп бөлгөндө, дайра суусун чеп туткан. Кайсы бир дайранын өйүзү тигил айылга караса, бүйүзү бул айылга таандык деген сыңары, жашоодогу ошол суу менен чеп айруу түшүнүгү кыргыз көчөттөрүнө көчүрүлгөн. Тигил көчөт менен бул көчөттүн ортосуна бир түрдүү түстөгү (көбүнчө ак түс) жип менен чеп сызык тарткан, ошол түшүргөн сызыкты «суу салуу» деп атаган. Суу салуу көчөттөрдү чектеп, даана бөлүп көрсөтүү менен кошо, кашкайган ак жолдун жышаанасын түшүргөндөй элес берген.

2. Сезим туюнтуу негизи

Кыргыз көчөттөрүнүн чыгуусунун экинчи чоң негизи, адамдын ички сезимин туюнтууну чагылдырган, сүйүүнү, күйүттү шаттыкты белгилеген көчөттөрдөн болгон. Кыргыздын сезим туюнтуу ыңгайы көп түрдүү, татаал болгон. Көбүнчө, айтылгандары обон салуу (үн чыгаруу), мисалы, кубанычын ырдоо обону менен туюнтса, ал күйүтүн кошокко үн салуу менен туюнткан сыңары, кыргыз көчөт түшүрүү ыңгайы менен да ички сезимин билдирген көчөттөрдү чыгарган. Сезим туюнтуу көчөттөрү, сүйүү сезимин туюнтуу, күйүтүн билдирүү, өндүрүш түшүм шаттыгын белгилөө сыяктуу көчөттөр болгон.

1) Сүйүү сезими. Кыргыз акылмандыгы сүйүү дегенди өтө кең мааниде түшүнүп, мээр, күйүнүү, аёолорду сүйүү деп түшүнгөн. Улуу сүйүүсү ааламды, табиятты, жаратылышты, адамзатты сүйүүсүнөн көрүнгөн. Ал адамды сүйүүдө, Ата-энеге күйүмдүү, тууганга боорукер, балага мээримдүү, жубайга ак жүрөк болуу, доско чынчыл болуу жактарынан көрсөткөн. Ушул сүйүү сезимдерин көчөт элестеринде туюнтууда, табиятты сүйүүнү байыркы тилде байчечек атаган гүлдүн элесин көчөттөп түшүрүү менен туюнтса, адамдарга мээр берүү сүйүүсүн бала көчөттөрү менен, ал махабат сүйүүнү куштардын сайрашып турган элесин көчөттөө менен туюнткан.

(45) Гүл көчөт. «Байчечек» же «чечек» аталган гүлдү көчөт кылып түшүрүү кыргыз көчөт маданиятында кийинки кездерде чыккан, башка таасирден, болуп дагы жүл (килем) көчөттөрүнүн таасиринен улам чыккан түрү бар. Себеби, оймо (шырдак), өрмөк, чырмак көчөттөрүндө гүл көчөттөр негизинен учурабайт. Тек сайма көчөттөрдө, туш кийиз саймасында, кир баштык, сүлгү жана кыздардын кийиминин (элечектин) кээ бир жерлеринен гүл көчөтү көрүнөт. Гүл көчөтүнүн кыргыз көчөтүндө аталганы: ит таман гүл, тогуз дөбө гүл, кызгалдак, бадам гүл, өрүк гүл, кызыл гүл сыяктуулар көчөт болгон. Гүл көчөттү, көбүнчө, табиятты сүйүү, табиятка суктануу, табиятка боорукер болуу сезимин туюнтуу, кооздукту, табияттын сулуулугун көзгө тартуу максатында чыгарган. Гүл менен сезим туюнтууда, кыздар гүл сайып жаздык, сүлгү, жүз аарчы белек берип, өзүнүн сүйүү сезимин гүл көчөтүн салган белеги менен билдирген.

 

  • Күкүк-Зейнеп көчөтү. Сезим туюнтуу көчөттөрүнүн бирөө «Күкүк-Зейнеп көчөтү» болуп, бул көчөт ушул эле «Күкүк-Зейнеп» аттуу бир тууган чымчыктын бирбирин таба албай, биринин атын бирөө чакырып сайрашып мээрин баяндаган, кыргыз эл ичинде, аңсашкандарды «Күкүк-Зейнеп болуп жүрүшөт» деген ылакап сөз калган чымчыктын туугандык мээрин тамсил кылган элдик жомок негизинде, самашкандар, шактын башында көрүшүүнү аңсап сайрап турган чымчыктардын элесин көчөткө көчүрүп, көрүшүүгө зар сезимин, каалоосун билдирген. Ал тургай, кээ бирөөлөр аны «зумурук куш көчөтү» деген ат менен атап, өзүнүн аябай ашык болгон сезимин бөтөнчө туюнткан. «Күкүк-Зейнеп көчөтү» башка оймо, өрмөк, чырмактарга эмес, сайманын арналуу көчөтү болуп, ал сүлгү, жүз аарчы жана ашыктардын жаздыгынын бетине түшүрүлгөн. Кыздар жүз аарчыны уулга белекке бергенде өзүнүн ал жигитке сүйүүсүн туюнтууда, көбүнчө, жүз аарчы жоолуктун бирөөлөрдүн көзүнөн оолак, бир бурчуна кичинекей кылып эки канаттуунун элесин, же кошулган эки жүрөктүн элесин, гүлдүн элесин көчөттөп сайып белек берген. Бул эң байыркы, жөрөлгөлүү «махабат катынын» көчөттөлүшү болуп ички сезим баянын туюнткан.
  • Бала көчөтү. Сүйүү сезиминин дагы бир чоң бөлүгү мээр берүү, адамдарга мээрин салуу болгон. Кыргыз көчөтүндө мээр берүү элесин, балага мээр түшүрүү эле-
  1. Жетелешкен балдар 2. Эне мээри 3. Кол берген энесин көчөткө түшүрүү аркылуу туюнткан. Бала көчөтүн колдонуу, көбүнчө, саймада, үй ичи жасалга саймасында көп кезиккен. «Бала көчөтүнүн» бала ээрчиткен эне жана кол кармашып катар турган балдардын элес көчөтү басым көрүнгөн. Бала көчөттөгү элестен, урпак улоо, адамдардын кол кармашып, ымалалуу жашоосун кийинки урпакка сабак катары көрсөтүү баяны камтылган.

2) Шаттык сезими. Кыргыздын ички сезимди туюнтуу ыңгайынын бирөө, шаттануу, кубануу болуп, ошол шаттыгын эл өз ара бөлүшүүдө, маареке, майрам аркылуу куттуктап, шаттык сезимин билдирген. Кыргыздын элдик шаттыгы негизинен өндүрүшүндө жетишкендерин даңазалоо, майрамдоо болгон. Эң эртеде аңчылык өндүрүшүндө жетишкендери, андан алган олжолору, эң чоң тоо текеси сыяктуулар аңчылыктын олжосу болгон салбуурун эмгегинин шаттыгын (кубанычын) ташка чегип көчөттөп, ал окуяларды элестүү эстеликке алып, таш көчөттөрдү аска-таштарга, кой таштарга чеккен; ал кайсы бир зор көлөмдө өткөн элдик дене тарбия (спорт), байге жарыштарынын шаттыктарын ала кийизге көчөттөп бастырып, ала кийиз баян көчөттөрүн чыгарган; кыргыз жашоосунда, аңчылык жана малчылык өндүрүшү гана болуп калбай, кадыресе, дыйканчылык өндүрүшүн да, тээ Эне-Сайда жашап турган кездеринде дыйканчылык өндүрүшүн алып барганын, азырга чейин Хакаста «Кыргыз тарылгалары» [13] деген аңыздын орду бар экенин жазма булактардан кенен маалымат алабыз. Дыйканчылык түшүмдөрүнөн шаттанып, бардык машактуу дандарга өкөлөтөн «буудай көчөтүн» чыгарган; ал жапайы мөмөнү өздөштүрүп алган шаттык сезими менен, сабактуу мөмөлөргө өкүл катары «жүзүм көчөттү» жана анар, алма көчөтү сыяктуу мөмө көчөттөрүн чыгарып, аларды өздөштүргөн шаттык сезимдерин көчөткө көчүргөн.

  • Таш көчөт. Кыргыздар илгертеден жашаган чөлкөмдөрдөн аска таштарга, төө таштарга, кой таштарга чегилген сүрөт элестери табылган. Ал ташка чегилген сүрөт элестери ошол кездеги окуяны баяндаган окуядагы айбан, адам жана өндүрүш куралдарынын элесинин көчөттөрү болгон. Ошол көчөттөр көркөмдүк үчүн эмес, жомоктук баян кызматын өтөп, азыркы жазуу баяны катары адамдарга маалымат берген. Таш көчөттөрүнө көбүнчө, бугу, кулжа, тоо теке сыяктуулардын эң жетилгендерин, арстан, илбирс, бөрү сыяктуу илбээсиндердин терилери сыяктууларды чеккен. Таш көчөттөр кийинки оймо (кийиз), өрмөк, сайма, чырмама көчөттөрдүн чыгышына негиз болуп берген.
  1. Аска ташка чегилген 2. Салбуурун каңкы, 3. Укурук салып ат аңдар           чийне        кармоо баяндар
  • Буудай көчөт. Көчөттөрдүн ичинде, дыйканчылык түшүмдөрү боюнча, дан эгиндерине, машактуу эгиндерге өкөлөтөн «буудай көчөтү» деген көркөм көчөттү чыгарып, аны дан ырыскысына болгон умтулуусун билдирген. Буудай көчөт адамдарга топуктуулук, тоюмчулукту элестетип турат.
  • Жүзүм көчөт. Жапайы мөмөнүн (кара-

гаттын) колго өздөштүрүлүшү адамзаттын чоң табылгасы болгон. Ошол табылгага шыбагалаш болгон кыргыздар да мөмөнүн бардык атын билип, жергесине өздөштүрүп гана калбай, тапкан багбанчылык маданиятын өзүнүн көчөтүнө белгилей алган. Бүт мөмөдөн «жүзүм көчөтүн» киргизиши, кыргыздардын сулуулукка умтулуусун белгилеп турат. Кыргыздар тунуктукту, аруулукту жүзүмгө теңеп, «жүзүмдөй мөлтүрөгөн» деген окшотууну айтат. Ал «Манаста»: «Жүзүм жесе Чүрөктүн, \ Жүрөгүнөн көрүнгөн» деген саптардан жүзүмдү мөлтүр, тунукка теңегенин билүүгө болот. Жүзүм көчөт адамдарга серүүндүк, мөлтүрлүк туюм берген. Жүзүм көчөт, көбүнчө, саймада колдонулат.

  • Маареке шаттык көчөтү. Маареке көчөт дегени, кайсы бир арналуу нерсенин элесин көчөттөө эмес, окуянын, жомоктун катышуучуларынын (адам, айбан) элес көчөттөрүн түшүргөн, көчөттөгү элестерге карай, адамдар окуяны жоруп билгидей даражага келтирген көчөттөр болгон. Мындай окуялуу маареке шаттык көчөттөр, көбүнчө, ала кийизге, алсак, кыргыз жашоосунда, шырдак, тикме деп аталган үй ичине сала турган, болуп да, төргө төшөй турган мартабалуу жерге салардын эң баштапкысы «ала кийизге» түшүрүлгөн. Ала кийизге көчөттөрдү оюп, айкалыштырып, жөрмөп (туташтырып) жасабайт. Ала кийизди кийиз жасоо ыңгайы менен, чабакталган жүндүн үстүнө көчөт элестерин, түстүү (боёктуу) жүндөр менен «оймо ылвырай» менен көчөттөп уютуп жасайт. Ошого ала кийизге окуялуу маарекелерди кенен көчөттөп түшүрүүгө ыңгайлуу болгон. Ал кээ бир байге жарыштарында өзгөчө белгилей турган баш байгеден чыккан күлүктөрдүн элесин өрмөккө, саймага, кадыресе, чырмак чийге көчөттөп түшүрүп, айрыкча белгилеген. Алсак, «Манастагы» Аккуланын, Тайбуурулдун байгеге чабылып, баш байгеге чыккан элеси «Аргымак көчөт» болуп көчөттөлгөн.

3) Күйүт сезими. Кыргыз шаттыктын ички сезимин туюнтууга маани берип гана калбай, күйүт сезимин кандай туюнтуунун көптөгөн ыңгайларын тапкан. Эң күчтүүсү өлүмгө кошок кошуп, боздоп, өкүрүп ички күйүтүн чыгаруу менен гана чектелбей, күү чыгарып муңун билдирген. Кыргызда «муң-зар күүлөрү» деген чоң топ күү чыккан. Ошого окшош, кыргыз көчөттөрүнө да аза күтүү, күйүтүн билдирүү көчөттөрдү чыгарып, ыраматылыкты күйүт белги көчөтүн чыгаруу аркылуу эскерип туруу чоң ыңгайын тапкан. Кыргыздын аза күтүү көчөтү көп болбогону менен, күйүт сезимин өтө терең билдирген элести атайын көчөттөгөн.

Ички күйүттү көчөт менен туюнтуп гана калбай, ичтеги каар, кекти да кыргыздар көчөттөө өнөрү менен туюнта алган. Алсак, өрмөктө «эки жүздүү» аталган таар бар, анын дагы бир аталышы «ак терме» деп аталат. Ушул түрдөгү өрмөктүн чыгышына мындай бир уламыш себеп болгон экен: Эки уз аял курдаш жакындардан болуп жүргөндө, анын бирөөнүн эки жүздүүлүк жоругу байкалат, адамдык сапаттын бузулуусуна каарданган тигил уз курбусу бир түрдүү өрмөк түрүн чыгарып, ал өрмөктө эки бетинен тең көчөт көрүнө турган (демейде, өрмөктүн тетири бетине көчөт көрүнүшү түшпөйт) өрмөк согуп, адамдар ичиндеги эки беткейлик жорукту түбөлүк эске салган экен. Мына ушундан айтууга болот, кыргыз көчөт менен сезимин баяндоо үчүн бир канчалаган көчөттөрдү чыгарган. Бул жагдай, кыргыздын көчөт чыгаруусу жөн эле кыялдануудан эмес, белгилүү акылмандуулуктан, санаалуулуктан чыккан дегенди дагы бир эске салат.

(52) Кол салык. Кыргыз өлүм узатуу салтын өтө катаң, сүрдүү тутунган. Кадыресе, өлүм сыйнатын шөкөткө көтөрүп, өлүүчүнүн арбагын ыраазы кылуу аракетин жасаган да, аш берүү маарекелерин өткөрүү салтын калып-

  1. Туюк кол салык 2. Тул көчөт 3. Ачык кол тандырган. Ал эми, өлүм узатуу салтынын бирөө, үй ээси (эр киши) кайтыш болсо, үйдүн төрүнө ал кишинин сөлөкөтүн жасап, ага кийимин кийгизип коюп, ал адамдын күйгөндөрү ошо сөлөкөткө бет орой олтуруп, кошок кошуп, өкүрүп ал адамдын тирүүсүндөгү жасаган иштерин, эл ичиндеги кадырын даңазалаган. Мындай салтты «тул салуу» салты деп атаган. Ал тулдун алдында анын сыйнатын кылып, күйүтүн тартып, эрлер камчысын, аса таягын бөйрөккө таяп өкүрүп турган. Жубайы, кызы эки колун бөйрөккө матырып, бөйрөгүн таянып кошок кошуп турган. Бөйрөгүн таянып өкүрүүнү «Билим китепте» белдүү чоролорунан айрылып жергеге кайтып келгенде «Арстан Манас көкжалың,\камчыны таяп бөйрөккө…» (ЖМ) өкүрүп түшөт. Ал эми Саякбай манасчы Семетей Таласка кайтып келгенде, атасынын күмбөзүнө: «Балалык кылат Семетей, \Атакелеп бакырып. \Алтын жаак айбалта,\Оң бөйрөккө таянып, \Ойронум атам деп ыйлап, \Кара жаак ак камчы, \Сол бөйрөккө таянып, \Солтонум атам деп ыйлап» өкүрүп түшкөнүн айтып, бөйрөк таянуу күйүт тарткан аракет экенин белгилеген. «Тул салып» аза күтүү бир жылга, жылдык кара ашын бергенге чейин улантылган. Мына ошол бөйрөгүн таянып аза күтүү, кошок кошуп, өкүрүп кошок кошуп турган элести көчөттөп, ал көчөттүн атын «кол салык көчөтү» атап, кол салык көчөтүн өрмөккө (кажары, кара терме боого), саймага түшүрүп, өлгөнүнө болгон күйүт сезимин көчөткө көчүргөн. Буюмга түшүргөн кол салык көчөт ыраматылыкты дайым эскерип турууга илип койгон сүрөт катары кызмат кылган.

Кол салык көчөтүн кыргыздын дагы бир ыптасындагы кыргыздар ушул күндө дагы түз эле «тул көчөт» деп атайт. Ал кол салык аташы, сылгайтып, анын элесин гана, ооба, эки колду бөйрөккө матырып, бөйрөккө камчы, таяк матырып турганы күйүт сезимин туюнтканы болгон. Кыргыздын чоң ырымынын бирөө «бөйрөгүңү таянба» деген тыйымдын чыгуусу да, күйүт сезимди эки кол менен бөйрөк таянып турган турум менен окшоткондон болгон. «Кол салык көчөтү» азаны билдире турган белги болгондуктан, карасы алынганда, аза күтүүнү чечүү максатында, колун бөйрөгүнө алып турган элести өзгөртүп, колду бөйрөктү кармаган жеринен ачып, «ачык кол салык көчөтүн» чыгарган. Ошону менен азыр кыргыз көчөттөрүндө кол салыктын эки түрү, бирөө, «туюк кол салык көчөтү», дагы бирөө, «ачык кол салык көчөтү» колдонулат. Кол салыктар оймодон (шырдактан) башка, көбүнчө, өрмөктө (кажары, кара термеде), саймада көп колдонулуп, үй төрүнө коюлган «тул» бир жылда алынганы менен, үй ичине тартылган өрмөк боолордо ал «тул көчөт» көп жылдар маркумду эскерип тура берген. Кыргызда «кол салык» (тул) көчөт чыгарышы, турмушта колдонулушу, жашоонун кубанычы жана жабырына адамдардын даяр экенин, ички күйүттү туюнтууга күндө бет орой келе алуу кайратын көрсөткөнү катары түшүнсө болот. Кол салык көчөттү каралуулар (азалуулар) кийимге түшүрүп, аза туткандык белги катары колдонуп да келет.

3. Элдик турмуш буюмдар негизи

Кыргыз көчөттөрүнүн чыгуу негизинин бирөө турмуш буюмдарынын элесин көчөттө болгон. Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө жасалган маданият буюмдары абдан көп, бирок көчөткө колдонгон буюмдар салыштырмалуу аз. Көчөткө кирген буюмдар, биринчиден, өз доорунда жаңы маданият табылгасы болсо, экинчиден, өз кезинде, ажаттуу, таңкыс буюмдар болгон деп жоромолдоого болот. Себеби турмуш буюмунун бардыгына көчөт чыгарылса, өз доорунун таңкыс буюмдары билинбей калмак. Ошого, алардын кайсы бир тобунун төл башылары, таңкыс болгондору гана көчөткө алынган. Алсак, бүткүл адам ажарын ачууга керектелген жасангыч буюмдарга өкүл катары «таракты», идиш-аякка пияланы, үй сөөгүнө керегени көчөттөгөнү ошол буюмдар өз кезинин төл башы жасалган, же маданиятка жаңылык катары кирген, кадыресе, такай колдонулган, көркөм көрүнгөн буюмдар көчөткө тандалган деп жорууга негиз бар.

  • Кереге баш көчөтү. Кереге – кыргыздын жөрөлгөлүү ак боз үйүнүн негизги сөөгү. Анын жасалуусу да чоң өнөр болуп, керегени керүүгө, капшырууга, бийиктетүүгө, жапыздатууга ылайыкташма жөндөмү бар. Мындай ылайыкташма жөндөм күчтүү акыл, чоң чеберчилик менен бүткөн. Керегенин эң чоң өзгөчөлүгү анын көрүнүшү көркөм болуп, кереге көчөттөрү түшүрүлгөн тектик башка көчөттөрдүн ажарын кошо ачып берет.

Кереге башы дегени саканактардын айкашып келген ачасын көрсөтөт. Анын көрүнүшү серейип кулак түрүп турган элести берсе, ал кереге баштын жумушу абдан зарыл болуп, кереге башына уук улап бүткүл үйдү көтөртүп тургузган кызматынан бөлөк, үй ичиндеги буюм-тайымды илип койсо, аны көтөрүп туруу кызматын өтө эптүү аткарат. Ошого, «кереге баш көчөтү» болуп тандалган.

  • Кереге көз көчөтү. Кереге көздөрүн караган кишиге бүткүл ааламды, адамдар арасын торлоштуруп, тыкыс байланыштырган элести берет (ал бүгүнкү «тор» аталган интернет сыяк). Көрсө, ар бир кереге көзү өзүнчө маалымат көзөнөгү болуп, үйдүн ичи менен талаанын маалыматы ошол көздөрдөн өтүшүп турган сыяктанып турат. Ошого кыргыз макалында: «Керегеде кулак бар, кебиң болсо ыраак бар», «керегем сага айтам, келиним сен ук; уугум сага айтам, уулум сен ук» болуп айтылып, керегенин дагы бир өзгөчө кызматы маалыматты оңой өткөргүчтүгү ырасталган. Кереге көздүн көчөттүккө тандалышы ушундай өзгөчөлүгүнөн бөлөк, айкашып, кыналышып, ашташып көрүнгөн көркөмдүгү да көчөттүккө ылайык болгон. Ошону менен, «кереге көз көчөтү» чыгарылган. Кереге көз көчөтү, көбүнчө тор түйүүдө, саймада колдонулган.
  • Пияла көчөт. Пияла деген чоподон бышырылып, кылдаттап жасалган чыны идиштин бир түрү, атап айтканда, чыны чөйчөк эсептелет. Нерсе куйгуч идиштерге өкөлөтөн, өз заманынын жаңылыгы (чыны) катары пияланын көчөткө тандалышы, жыгач чөйчөктөргө салыштырмалуу ошол жаңы замандын идиши болуп кириши себеп болгондур деген болжомду айтууга болот. Андан да, пияланын сыпталыгы, тунуктугу, болуп да үстү үстүнө кийиштире тизгенде, касабаланып көрүнүшү көчөт талабын кандырган. Пияла көчөттүн дагы бир аталышын «башайы көчөт» дейт экен. Анткени, «башайы» аталган жибек кездемеге басылган пияла нускасы болгондуктан ошондой атаса керек. Пияла көчөт кээде оң тизилген, түптөрү бири-бирине тийишип турган, тунук суудан көрүнгөн элеси көчөт болуп түшсө, кээде, ооздору беттешкен, көмкөрүлгөн пиялалар тизмегинин элеси көчөттөлгөн. «Пияла көчөт» кыргыздын өрмөгүндө өтө даана түшүрүлгөн жөрөлгөлүү көчөтү болуп, жалпы эле ичи чуңкур идиштердин элес көчөтү катары турат.
  • Тарак көчөт. Кыргыз турмушунда көп колдонулган буюмдун бирөө тарак болуп, чач тароодон тартып, ат тарак (адыргы), эчки тарак (тыбыт тараган) деген сыяктуу колдонулуу орду көп. Негизи чач тарактын элеси көчөттүккө тандалып алынган. Айтмакчы, чач тарактын илгерки кебетеси тик (көчөттөгүдөй) көрүнүштө болгон. Тарактын колдонулушу, ажаты да көп болгон. Кыргыздар эң эртеде мүйүздөн чач тарак жасап эраял бардыгы (эртеде эрлер да чач менен жүргөн) колдонгон. Тарак өз доорунда кыргыз турмушунда жаңы маданият буюм катары жасалган, баасы да «бир токтулук кымбат» болгонун, балдардын (кыздардын) үркөр жылдыз менен сүйлөшкөн эң байыркы уламышындагы сөздүн өзүн окусак эле айтканыбыз билинет. Ал сөз: «– Үркөр, үркөр, үч жылдыз, \ Үркүп кайда барасың? – Жөө желимге барамын. – Жөө желимде эмнең бар? –Аштык айдар уулум бар,\ Жибек созор кызым бар. \ Жүгүрүп жүрүп жүн табат. \ Жүн арасынан тарак табат. \ Таракты Таттыма берем. \ Таттым боз токтусун берет. \ Карс урам, көлгө салам, \ Көл ак уюмду берет. \ Ак уюмдан аяк-аяк сүт чыгат. \ Жатып ичсем жамбашыма төгүлөт, \ Кооп ичсем койнума төгүлөт».

«Тарак көчөтү» өз кезинин нарктуу буюму, кадыресе, ажаттуу буюму болгонунан, салааланып, адамдын манжа салааларын элестеткен көркөмдүгү да көчөткө ылайык келген. Тарак көчөтүн кээ бирөө, «бешилик көчөтү» деп да атап жүрөт. Тарак көчөтү, көбүнчө, өрмөктө (кажары, кара термеде), саймада, чырмакта колдонулат да, оймо кийизде көп кезикпейт.

  • Капкан көчөт. Кыргыз баштапкы өндүрүшүндө аңчылык эмгегинде жасалган жабдыктын бирөө капкан болуп, аңчылык өндүрүшүнө тузак, кылтак, желе, басмак сыяктуу жабдууларды колдонуу менен, темирден капкан жасап, ага чынжыр, токмок бекитип сүйрөтмө, же байлама ыңгайда аң, илбээсин уулап алган. Эл ичинде: «Капканчы тилейт түлкүнү, боз балдар тилейт күлкүнү» деген макал чыккан. Аңчылыкта капкандын жасалышы өз доорунун илгери баскан жабдуусу, кармаганын коё бербес бекемдиги менен аңчылык өндүрүштүн берекеттүү жабдуусу болгон. Дагы келип, жаагын ачып (куруп) койгон капкандын көрүнүшү өзүнчө көркөм көрүнгөн. Ошол ажаттан улам кыргыз өндүрүш буюмдары ичинен капкан көчөттүккө тандалган. Капкан көчөт, көбүнчө, такта шырдактын ортосуна түшүрүлгөн.
  • Баргек көчөт. Баалуу жасалга буюму болуп, ургаачылар чач боосуна, же маңдайына тагып ала турган, алтындан жана күмүштөн жасалган чачка тагуучу буюм. Ал жасалга буюмдарынын билекке салынганы билерик, манжага салынганы шакек, кулакка илингени сөйкө, сырга деген сыяктуу чачка (чач боого, көкүл чачка) тагынганы баргек (чолпу) аталган. Ошол ургаачылардын жасалга (салынма, тагынма) буюмдарына өкүлдүк эткен, кадыресе, өз кезинде тагынууга сонор болгон жарашык буюм катарында көчөткө кирген. Баргек тумарча жана чарчы кебетеде болгон. Баргек көчөтү, өрмөктө, саймада, чырмакта көп колдонулган.
  • Тээк көчөт. Бекитүү, байлоо жабдуусунун бирөө тээк аталат. Тээк, көбүнчө, желеге кулун байлаганда, кулундун ноктосунун байламтасына, ортосунда бертиги бар нукум жыгач болуп, ноктонун илмегине жана желенин тилине тээк салып коёт. Тээктелген байламта чие болбой, толгонсо да оңой чыгып кетме болот. Ошого, желеге байланган кулун ноктонун чыктасына чалынса да тез чечүүгө тээк эптүү болгон. Тээктин дагы бир түрү эки көзөнөк тилдин ортосуна туура жыгач өткөрүп бекиткен туура салманы да тээк атайт. Ал көбүнчө, үйдүн каалгасын ичинен бекитүүгө колдонулган. Айтор, байлап, бекитүү жабдууларына өкүлдүк катары, көчөт ыңгайына туруму ылайык көрүнүшүнө багып, «тээк көчөт» кирген. Тээк көчөт, оймо, саймада, чырмама көчөттөрү болуп колдоно берет. Тээк көчөтүнүн түшүүсү адамдарга бектик, ишенимдүүлүк туюмун берет.
  • Көөкөр көчөт. Турмуштук буюмдардын эң байыркысы жана колдонулуу көлөмү кенен идиш көөкөр болгон. Демейде, кол көөкөр жана жан көөкөр деп эки түрдүү болгон. Кол көөкөр кол чанач сыяктуу суусундук (кымыз) жана шарап куюп утуру керектеп турган. Ал жан көөкөрдү сапарга чыкканда канжыгага байланган, же ээр кашка илип алып жанында алып жүрмө көөкөр болгон. Көөкөрдү шутурдун (төөнүн) териси, же жылкынын терисинен атайлап калпка салып, ооз-моюн чыгарып, ал түбүн тегерек тулупча кылып жасап, анын бооруна, мойнуна көчөт бедер түшүрүп, ыштап, майлап суусундук куят. Көөкөр суусун куйма идиштин өкүлү, жасалуусу көркөм болуу жагынан көчөткө кирген. Көөкөр көчөт адамга молчулук, токчулук элесин берет.

4. Өнүгүү негизи

Кыргыз көчөттөрүнүн өнүгүшү жөрөлгөлүү көчөттөрдү унутпай колдонуу, аздап башкалардын көчөттөрүн кабылдоо, (мисалы, «килем көчөт»), анын ичинде, негизги өнүгүү жолу, кыргыз уздары жөрөлгөлүү көчөттүн элесин бузбай, мурдагы көчөт негизинде, ага чыгармачыл кыял кошуу аркылуу көчөт чыгарып өнүктүргөн. Мындай чыгармачыл көчөттөр, кээде, «кыял» көчөттөр деген аталыш менен аталса, кээде ким ошол көчөттү чыгарган болсо, эл ичинде көчөттүн атын ошол уздун аты менен атаган көчөттөр эсептелет. Азыркынын тили менен айтканда, «кыял» көчөттөр авторлуу көчөттөр эсептелет. Мындай авторлуу «кыял» көчөттөр кыргыз көчөттөрүнүн ичинде өтө аз болсо да, бирок кыргыз көчөттөрүнүн өнүгүүсүнүн бир жолу катары эсептесе болот. Биз баамдаган кыял (авторлуу) көчөттөр:

  • Жыргал көчөт. Чыгармачылык кыял көчөттүн бирөө эл ичине «Жыргал көчөт» деген ат менен тарап колдонулган. Бирок, бул жолу эл кыдырып, уздар менен жолукканда, бул көчөттүн нускасын көрсөтүп бере албады. Айтмакчы, «Жыргал көчөт» нускасы мындан ары толуктанууну күтүүдө.
  • Салбай көчөт. Кыргыз көчөттөрүнүн ичинде, «кыял» көчөттүн бирөө Салбай деген уздун чыгармачыл кыялдануусу менен чыгарган, «сыңар ийинди» топ ийинге өнүктүрүп, «40 чоронун ийин» элесин түшүргөн көчөт болуп эсептелет. Салбай көчөт оймого (шырдакка) түшүрүлүп, көп алптардын катарлаш турган элесин көзгө тарткан. Айтмакчы, кыргыз көчөттөрүн караганда, ушул «сыңар ийин» аталган, алптын каруу жилигин керип турган элеси көчүрүлгөн көчөттүн, кийинче, «кош ийин», «таажылуу ийин» түрлөрү да кыялданып чыгарылган. Ал «Салбай көчөт» сыңар ийинди көп ийинге өнүктүргөн. Салбай көчөт такта шырдактын (көз салынбаган) ортосу болуп, ушул эле көчөт менен шырдактын ортосу чылттанган. Мындай шырдак өтө сээрек кезигет. Бул Салбай көчөттүн өнүгүш жолу чырмак ашкананын бетине түшүргөн «кырк шах» көчөтүнө окшош бүт бир тектикти катар чылттаган.
  • Гүлай көчөт. Кыргыз көчөттөрүнүн ичинде, «кыял» көчөттүн бирөө Гүлай аттуу уздун чыгармачыл кыялдануусу менен чыгарган, кырк шах көчөтүнүн өнүккөн, арбытылган түрү болуп эсептелет. Кыргыз көчөттөрү ичинде эртеде татаалдашып өнүккөн көчөттүн бирөө ушул күч ишениминдеги көчөттөрдү кошуп чыгарган кырк шах көчөтү болчу. Бирок аны дагы өнүктүрүп, чырмак ашкананын бетине нече көздүү, нече катар кырк шах көчөтүн салган түр, нуска эл ичинде «Гүлай көчөт» аталат экен. Балким Гүлай аталган уз «кырк шах» көчөтүн кыялданып өнүктүргөн, же бүтүн ашкана бетине катар түшүрүп өнүктүргөн көчөт автору болгон окшойт.
  • Беш кеште көчөт. Кийин өнүктүрүлгөн «кыял» көчөттүн бирөө «беш кеште» көчөт болуп эсептелет. Бул жергиликтүү тилде айтылган «кеште» сөзүн «сайма» сөзү катарында түшүнүүгө болбойт. Алсак «көчөт» сөзү жергиликтүү айтымдарда «кеште», «кайкалак» болуп айтыларын, жергиликтүү тилди канык изилдеген окумуштуу Ж. Муканбаев «Кыргыз диалектологиялык сөздүгүндө» берген «кэштэ» сөз уясын толук окугандын пайдасы бар деп карадык: «Кэштэ нам., жерг., батк, лейл. сайма, түр, оюу, көчөт; кеште кештелеп отуруп, бир сугур суw ичсе, миң сугурдун суwсуну канат деди (кээде “кеште, кечте”болуп да айтыла берет); ай кəштə лейл., жерг. айдын элесин берген сайманын аты; ай кəш билвесе, гəпти укканга, жəнди жəнгə сукканга əйт (“ай жастык, ай тегерек, ай көчөт, ай нуска, алтымыш жиптүү ай нуска” деп да айтылат); аркар туйак кəштə аркардын бутун элестеткен сайманын аты; койон əкəң шорвосу койукə, кой əкəң шорвосу сүйүккине девей (орду жок иш кылбай); аркар туйак кəштəңи чирəйлə; беш кəштə лейл., батк. көк, кызыл, ак, сары, күрөң жашыл түстөгү жүн же кебез түр жиптерден токулган кооз сайма, көчөт; беш кəштə саганга мурдуну тартып койвойт (тоотпойт), (бул көчөт көбүнчө “гажары” жана “терме” деген таарларга салынат); гүл кəштə батк. ар кыл өсүмдүктөрдү, алардын гүлүн элестеткен орнаменттин жалпы аты; гəп десе – кап-кап – деп, жатып гүлкештени бүтпөй койвоң (кээде “гүл кэште”, “гүл кəштə” болуп да айтылат); 2. саймалуу, кооз жоолук; гүлкештесини жоготуп, көзү кыныдан чыкты (ачуусу келди); дүрүйө кəштə ак материалга “ысвылы” деп аталган көчөт түшүруп, анан ортосуна “тогуз дөвө” салып, саймаланган сайма; жарма кəштə батк. сайманын кайра илинип сайылган бир түрү; жол кəштə жерг. белбоонун эки жак четине сайылган сайма; жоwлугуw учу жол кəштə; зəр кəштə кандайдыр бир жылтылдак кооз жипче менен сайылган сайма; кулак кəштə пам. куржунга түшүрүлүүчү көчөттүн бир түрү; пəрдə кəштə терезе пардага сайылган ар кыл сайма; ◊ мышыктын кулагына кəштə сайган; өзг., суз. чоркок (какшык иретинде» [14]. Беш кеште көчөттүн өзгөчөлүгү бир эле текке беш түрдүү боёк менен, беш көз катары түшүрүлгөн. Ал көчөт элеси «керешке», «шада», «эргилчектин» түспөлүндө, кереге түспөлүндө болуп, жыгачтан айкалыштырып, керегечелеп жазылма-жыйылма катары көрүнмө болгон, бул «керешке» аталган короо эшигинин көчүрмөсү катары элес берет.

Жогоруда биз атап, көчөт сүрөтүн көрсөткөн көчөттөрдөн бөлөк, дагы жергиликтүү айтымдарда, ар кайсы жерлерде түрдүү көчөттөр бар экенин, Ж. Мукамбаевдин «Диалектологиялык сөздүгүнөн» маалымат алабыз, мисалы, кылыч боw көчөт он үч жиптүү келген, кылыч боосун элестеткен көчөт; нанпар көчөт «нанпар» (нан жапчу) деген буюмдун элесин берген көчөттүн аты; нанпар көчөттү кыла аваса, акылга–урмат, нааданга– кəлтəк». пашайы жерг. шайы, шайы жоолук; жоwлугуң кызыл пашайы, жол жүрүп алдым атайы; пашайы көчөт пам. «пашайы» товарына түшүрүлгөн ар кыл көчөттүн килемге же башка бир нерсеге көчүрүлгөн көчүрмөсүнүн жалпы аты (бул көчөт «гажарыга» он үч жиптен тик кулак сымал болуп түшүрүлөт); соолун көчөт жерг. көчөттүн түрүндө салынганы; соолун көчөт ар кыл жиптен кештеленет»[15] деген маалыматтарды окудук. Бирок аталган көчөттөрдүн сүрөттөрү колубузга тийбегендиктен, көрсөтүүгө, көчөт катарына тизүүгө азырынча аргасыз болдук.

3-§. Көчөт түшүрүү ыкымдары

Көчөт маданиятынын жетишкендиги ар кандай тектикке элестерди көчүрүп алуу ыкмалары болгон. Кыргыз турмушун, урунган буюмдарын көчөтсүз элестете албайт. Кандай бир тектикке көчөт түшүргөнү, жалаң көркөмдүк үчүн гана эмес, кадыресе, ошол тектикке мазмун, ой, касиет киргизгенге тете жумуш болгон. Кыргыз көчөт маданиятында көчөттү тектикке түшүрүү ыкмалары калыптанган. Көчөттү катуусу ташка, темирге (металга), жыгачка түшүрсө, жумшагы, тери, кийиз, таар, чий, кездеме беттерине түшүргөн. Ал көчөт түшүрүү ыкмасынын ар бир тектикке түшүрүү аталышы (этиш сөз), түшүрүү жабдуулары менен калыпташкан. Ал көчөт түшүрүү ыкма аталыштарын бирөөнүн ордуна дагы бирөөн алмаштырып атоого болбойт. Мисалы, ташка көчөттү чегип түшүргөндү «саймалап түшүрүү», ал кездемеге сайма сайганды «сайма чегүү» деген сыяктуу алмаш айтуу көчөт түшүрүү ыкмалары менен тааныша электикти билдирет. Ал тургай көчөттү кандай тектикке түшүрүүдө колдонгон курал-жабдуулары да ар башка болот. Көчөт түшүрүү ыкмалары менен таанышуу көчөт маданиятынын түбүн билүүгө жеткизет. Кыргыздын жөрөлгөлүү көчөт түшүрүү негизги ыкымдары мындай болгон.

1. Салуу

Жөрөлгөлүү көчөт ыкмасынын эң баштапкысы тектикке элести көчөттөп (көчүрүп) «салуу» ыкмасы болгон. Бул салуу ыкмасын «тамга салуу», «эн салуу» көчөттөрүнө колдонулуп, малдын кулагына тийиштүү белгини курчтук  (бычак) менен «кыюу, оюу, тилүү» аркылуу кулакка салган белги болгон. Ал тамга салуу ыкмасы малдын, көбүнчө, бодо малдын жаагына, соорусуна көчөт өрнөгүн (тамга белгисин) салууну көрсөтөт. Тамга салуу темирге көчөттү (белгини) жасап алып, аны отко ысытып, малдын белгиленген жерин кайрып, ошол кайрылган көчөт ордуна жүн чыкпай, такыр туруп көрүнүү, таанылуу максатында колдонгон көчөт түшүрүү ыкмасы болгон. Эн тамга салуу малдын кимге таандыктыгын белгилөө мазмунун туюнткан. Эн тамга салганга: Бычак, тамга темир, чок (темир ысытканга) сыяктуу жабдуулар керектелет.

2. Чегүү

Тектиги ташка көчөт түшүрүү ыкмасын «чегүү» деген этиш сөз менен атаган. Ташка чегүү алдын ала ташка чийип алган көчөт (белгини) чийини боюнча, учтуу курч темир коюп, балка менен таштын бетине көчөттү чегип түшүрүү ыкмасы болуп эсептелген. Эң эртеде, жазуу колдонуудан мурда, ой, мазмундарды таштарга элес (сүрөт) көчөттөө аркылуу баяндаган, эстелик калтырган. Азыркы изилдөөдө «аска таш сүрөт жазуулары» деген аталыш менен ташка чегилген көчөттөрдү (сүрөттөрдү) илик алып, мазмунун жоруп жатат. Кийин ошол эле чегүү ыкмасы менен кыргыздар жашаган жерлерде (Эне-Сайда) тул таштарга, төө таштарга жазуулар түшүрүлүп, чегүү ыкмасы «ташка тамга басуу» бичигине айланган. Ал жакынкы эле кыргыз турмушунда, тегирмен таш, тулук таш, жаргылчак таш, ийик таш дегендерге керектөөсүнө карай кыр, көчөт чегип мазмун түшүргөн. Ташка жазуу чегүү эмдиге чейин уланып, бейит башына ыраматылыкка «эстелик» тургузулуп, анын ким экенин белгилөөдө. Чегип көчөт түшүрүүгө: чеккич (темир), балка, кычкач, сайкалдагыч сыяктуу жабдуулар керектелет.

3. Чөгөрүү

 Тектиги алтын, күмүш, коло, темирге ар кандай элестерди калп аспаптар менен матырып (кызартып туруп) көчөт түшүрүү «көчөт чөгөрүү» аталат. Чөгөрүлгөн көчөттөр металдын бетинен тем (так) болуп (чукур, томпок) көчөт сызыктарын көрсөтөт. Алсак, күмүш ай төөнөчтүн бетиндеги «Умай» көчөт, күмүш баргектердеги көчөттөрү бүт тектикке чөгөрүлүп түшүрүлгөн көчөт тоомдору болуп эсептелет. Ал темирге чөгөрүлгөн көчөт тоомдорунун үстүнөн «күмүш жабуу» өнөрү колдонулуп, «ат күмүш жабдууларына», көрчөгөлөрүнө көчөттөр чөгөрүлүп түшү рүлгөн. Ал тургай, ал күмүш жапкан көчөттөрдүн тоомун «сыялаш» деген өнөр менен көчөттүн өңүн, элесин ого бетер ачып көрсөткөн. Алтын, күмүшкө тектикке көчөт чөгөрүү ал баалуу нерселерди ого бетер кооздоп көрсөтүп гана калбай, аларга көчөт аркылуу мазмун, касиет киргизип турган. Чөгөрүп көчөт түшүрүүгө: көөрүк, көмүр, дөшү, балка, кычкач, кол кашык (эритилген күмүштү куйганга), темир калыптар сыяктуу жабдуулар керектелет.

4. Кобулдоо

Тектиги жыгачка көчөт түшүрүүнү «кобул салуу» атаган. Атайын кобул түшүргүч темир учтары менен жыгачка көчөттү наар салып, көчөт изин түшүрүп, жыгач бетин кооздоп, ага көчөт аркылуу жаңы мазмундарды киргизген. Көбүнчө, боз үйдүн жыгач буюмдарына – уук, керегеге, босого, босого баш, босого жандарына, каалгасына, бүт ылайыктуу, жөрөлгөлүү элестердин көчөттөрүн кобул салып түшүрүп, жыгач бетине мазмун, баян киргизген. Кобул жыгачка түшүргөн көчөт сызыктарына оюк түшүрүп, наар салып, көчөттү дааналап көрсөтүп турган. Кадыресе, үстүнөн боёк, жошо, сыр бер берсе да тигил кобул өчүп кетпеген. Кобулдап көчөт түшүрүүгө: ийди, кыргыч, зык, ара, балка сыяктуу жабдуулар керектелет. 5. Бедерлөө

Тектиги кайыш, булгаарыга көчөт түшүрүүнү «бедерлөө» атаган. Атайын бедер түшүрүүчү шиш аспап менен кайыштын, булгаарынын бетине көчөттөрдү так кылуу, тамгалоо менен тери «кайыш, булгаары) бетин бедерлеп (кооздоп), кадыресе тери буюмдарга мазмун, ой киргизген. Ат жабдууларынын булгаары тердиги, каптама ээр сыяктуулардын бетине жөрөлгөлүү, жышааналуу көчөттөрдү бедерлеген. Ал көөкөр, көнөк сыяктуу идиштерге ырыска шерик көчөттөрдү бедерлеген. Бедерлеп көчөт түшүрүүгө: кайыш, булгаары, шимек (так салуу), зык темир, бычак сыяктуу жабдуулар керектелет.

6. Басуу

Жерге салар катары урунуучу кийиз жасаганда, жука уютулган, «ылбырай» аталган абдан жука, ак кийизди көчөт түспөлүндө чабакталып, бакыланып даяр болгон кийиздик жүндүн үстүнө басып, аны кийиз менен кошо киргизип, бышырып ала кийиз жасаганды «көчөт басуу» ыкмасы атайт. Ылбырайды кандай элеске, баянга ылайыктаса ошондой баян көчөт ала кийизге кошо бышат. Кыргыздар «кийиз китеп» атаган ала кийизге көптөгөн мазмундарды, баяндарды, элестерди бастырып түшүрүп, жазуу катары эстеликке алган. Басып көчөт түшүрүүгө: жүн, канат чий, тарткы аркан, ысык суу, бакан сыяктуу жабдуулар керектелет.

7. Оюу

Көчөт түшүрүүнүн оюу ыкмасы кийизге гана колдонулган ыкма болуп, сыпта жасалган кийизди боёкко салып (ак, карадан бөлөгүн) ал кийиздердин бетине самын менен, туз менен элести чийип алып, ошол чийим боюнча, кыңырак бычак менен оюп алынганды көчөттү «оюп алып» түшүрүү ыкмасы атаган. Ошол оюп алынган оюуларды бири-биринин оюлган жерин кынап, жээк салып жөрмөп туташтырып, өз тартип, эрежеси боюнча, алсак, четтиги, ортосу, кычыгы, көзү деген сыяктуу бөлүктөрдү ыгы менен курап, жээктеп, ал туташ беттин ичин ичтеп, анан ар кайсы көчөттүн ортосунан «шыруу» аркылуу оюлган көчөттөрдү бекем бастырып бышыктаган. Көчөт оюулары менен шырдак сыяктуу үй буюмдарын жасаган. Дегинкиси, оюп көчөт түшүрүү башка көчөт түшүрүү ыкмаларына окшобогону, ал кайсы бир тектиктин бетине көздөө үчүн гана түшүрүлбөй, ал көчөттү оюп алып, курап түшүрүү ыкмасы болгон. Кийизден көчөт оюу, кийизден жасалган үй буюмдарынын жарашыктуулугун, көркөмдүгүн чыгарып гана калбай, кадыресе көчөт элестери (сүрөтү) аркылуу кыргыздын элдик ишенимин, улуттук түсүн, салт-санаасы сыяктуу ички дүйнөсүн көрсөтүү мазмунун киргизип бере алган. Оюп көчөт түшүрүүгө: кийиз, кы ңырак, боёк, шоона, темене, жээктик жип сыяктуу жабдуулар керектелет. Канчалык көлөмдө шырдак, жабык башы, төтөгө ж.б. жасай турган көлөмдү мынча «чий» (бир канат чий бир бирдик) кийизден мынчалык буюм жасалат дегенди чен кылышкан.

8. Куроо

 Кездемени тек кылып, түрдүү кездемден кыйып алып, аны көчөттүн элесине келтирип курап чыгуу, көчөттү курактап түшүрүү ыкмасы эсептелет. Куралган көчөттөн туташ буюм жасалат. Кыргыздын кол өнөрүндөгү курак түрдүү кырдуулуктарда көрүнүшү менен буюмду көркөм көрсөткөн. Дагы келип, ар кандай кездемени бычуудан өөнөлгөн чүпүрөк өөндөрүн коромжу кылбай, ийне уздук ыкмасына салып, көркөм буюм жасоо кол өнөр чеберчилигин көрсөтүп гана калбай, курап көчөт түшүрүү өзүнчө мазмун, ойду курак буюмунда баяндоого жетиштирген. Курап көчөт түшүрүүгө: кездеме, кайчы, ийне, жип сыяктуу жабдуулар керектелет. Курактын чоң көчөттөрү ай көчөт, жылдыз көчөт, каркыра көчөт, ал Ж. Мукамбаевдин сөздүгүндө: «Кыямат» жерг. кыйгач төрт бурч келип, жээгине үч бурч курак түшүрүлүп, анан ичине дагы кыйгач кичине төрт бурч түшүрүлүп, анын ичине дагы ромбик түрүндөгү көчөт түшүрүлүп кооздолгон курак; кыйамат балышка кештеленет»[16].

9. Саймалоо

Кездеме текке ийне уздугу менен, жиптерди айкаштыруу аркылуу көчөттү кездеме бетине саймалап (кештелеп) түшүрүү, көчөт саймалоо деп аталган. Тегинде, «кеште» деген сөздүн өзү «көчөт» маанисин берип, эл ичинде «кеште саюу» дегенди, «көчөт саюу» деп түшүнүп келген. Азыр да жергиликтүү айтымдарда «кеште» көчөт деген сөздүн ордунда колдонулуп, мисалы, «ай кеште» (ай көчөт) болуп айтыларын Ж. Мукамбаевдин жергиликтүү айтымдарды изилдөө эмгегинен көрдүк (жогоруда келтирдик). Бирок азыр бардыгын «сайма саюу» деп атаганга көнүп кеттик.

Саймалоо деген тектикке (кездеме, кийизге) көчөттү ийне-жип менен сайып түшүрүүдө (жип жаткырууда), көчөт тектиктен жиптин кештеленүү көрүнүшүнөн, анын сыпталыгы менен көркөмдүгү, ошол жиптердин көчөт элесинде жатуу ыңгайынан көрүнүп турган. Ийне менен жипти тектикке өткөрүп, аны көчөткө жаткыруу (калем сызыгына окшош) «сайма саюу ыкымдары» деп аталган. Ал кыргыздын сайма ыкымдары: 1. Басма, 2. Жөрмөмө,

  1. Илме, 4. Көптүрмө, 5. Жаза сайма, 6. Туура сайма,
  2. Өткүрүп сайма, 8. Кежиме, 9. Дүрүйа, 10. Мушкул, 11.Суурума, 12. Тепчиме, 13. Кайыма, 14. Терс айык, 15. Миң кайык, 16. Суу салма, 17. Айкалыштырма, 18. Толтурма, 19. Илмек, 20. Чалма, 21. Жалпак чалма, 22. Жумуру чалма, 23. Чубуртма, 24. Терме, 25. Чатышма сыяктуулар болгон. Уздар ушул саюу (жип жаткыруу) ыкымдары менен көчөттөрдү түшүргөн. Мында кээси жумшак, мисалы, көптүрмө; кээси бышык, мисалы, кайымалар; кээси чылт, мисалы, илме сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен, үй буюмдарын көркөмдөп, колдонуу берекетин ашырып гана калбай, кадыресе, ийне саюу уздуктун бай экенин да көрсөтө алган. Саймалап көчөт түшүрүүгө: ийне, жип, кездеме, төрткөл тарткы, кайчы сыяктуу жабдуулар керектелет. Саймага эң эртеде кыл менен саюу, ичке жүн жип менен саюу болсо, улам кийин жибек жип, пахта жип сыяктуу жиптерди колдонгон.

10. Согуу

Өрмөк тектигине көчөт түшүрүүнү «согуу» деген ат менен атап, жүн жипти белгилүү тартипте, көчөт чыгаруу мазмунуна жараша, жип санагы боюнча күзүктөп, көчөттү согуп түшүрүү ыкмасы өрмөкчүлүк кол өнөрчүлүгү менен иштелген. Өрмөчүлүктө жалпы таар аталганы менен, анын бетине көчөт түшүрүү жагдайына карай жип терип, аркак менен айкалыштырып соккон. Өрмөк согуу аркылуу кажары, кара терме, эки жүздүү, беш кеште ала таар деген сокмо таарларды турмуш ажатына карай колдонгон. Мында көчөтү татаал, терме жип саны көп, колдонуусу кадырлуу болгону, кажары менен кара терме болуп, бу лар энине карай 19-21 жипке чейин (абдан татаал) терип, көчөт түшүрүлгөн. Кажары өрмөккө көчөт түшүргөндө, артына жип калкытып, бош жип таштап, атап айтканда, таардын ичилиги катары калың болууну максат кылган өрмөк болгон. Кажарыдан атка шалча жасаса кадырлуу көрүнөт. Үйгө кереге таңуу сыяктуу өтө кадырлуу буюмдарды жасаса, көчөт түрлөрү төп, баяндаган мазмуну мол көрүнөт. Терме артына жип калкытпай, бир бетине көчөт түшүрүп, кажарыга караганда жукараак согулган таар болуп, көбүнчө, боз үйдүн боолору, жерге салына турган таар шырдак сыяктуулар жасалат. Андан эки беткей, беш кеште өрмөктөрдүн эки бетине окшош көчөт түшүрүлүп согулуп, боо, куржун сыяктуу буюмдардын жарашыгы, көркөмдүгү ичи-тышы жагынан тең көрүнгөн өрмөктөр болуп согулат. Согуп көчөт түшүрүүгө (өрмөк согууга): ийрилген жип, такта, кылыч, күзүк, адыргы (тергич), күйө байлооч, көтөргүч, тарткы, казык сыяктуу жабдуулар колдонулат. Айтор согулуп түшүрүлгөн көчөттөрдө көркөмдүк гана болуп калбай, андагы көчөттөрдү карап олтурса, үстүндөгү (чалкадан жатып) боолордогу көчөттөрдү караса, керегеге тегерете орой тартылган (эндүү) кажары «кереге таңууну» караса, кандайдыр кыргыз турмушунун сүрөттүү билим китебин барактагандай, кандайдыр табияттын ажайыпканасын (музейин) аралагандай сезимге, билимге тартат. Кажары көчөтү боюнча жергиликтүү тилден Ж. Мукамбаев мындай маалымат берген: «Гажары пам. 1. көчөттүн, сайманын бир түрү; гажары кол менен терилет; 2. «гажары» көчөтү түшүрүлгөн, эни 30-35 см. келген, жүндөн кооздолуп саймаланган таар; гажарынын асты жагы жип бойдон калат (гажары кол менен терилип согулат да, асты жагы жип бойдон калып, үстүнө «гажары» көчөтү түшүрүлөт). «Гажары» түштүктө, Жерге-Тал менен Памирде, Синьцзяндагы кыргыздарда жасалат. Ал жумшак, жылма, жука келет. Жиптери ак, күрөң, кызыл, көк, мала түстө болот. Анын: «таракча», чатышма, тумарча, ийрек, ит куйрук, кочкорок, кочкор мүйүз, кайкалак, кайчы, пашайы көчөт, омуртка, ит таман, сүлөwсүн тырмак, такта көчөт, беш кеште көчөт, кыял, багжагай, карга канат, таракча, кылыч, ай нуска» атуу орнаменттери болот. Бул «гажары» кээ бир жердеОштун түндүк райондорунда «букары» деп аталат. «Гажары» деген термин өзбөк тилинин говорлорунда да айтылат) [17]. Сокмо өрмөккө колдонгон жиптерди мынча «түйдөк» (жип ийрүү бирдиги), мынча «ийик» (ийирген жипти ийикке оролгон чоңдук бирдик) ийрилди, андан чыйратканын мынча «суурум» (ийиктен суурганы чоңдук бирдик) жип чыйратылды, ал бойолгон жипти мынча «келеп» (чыканакка салып түргөнү көлөм) жип мындай бойокко бойолду деген чен өлчөмдөрдү колдонуп, соккон өрмөктүн көлөмүн белгилей алган.

11. Чырмоо

Чийге түстүү жиптерден ороп көчөт түшүрүүнү «чий чырмоо» атаган. Кабыгын аарчып, абдан кургатып даярдаган чийге, бойоп даярдаган жүндөн, жибектен көчөттүн элесине (сүрөтүнө) карай ар бир тал чийге тем (белги) салып, ошол көчөттүн түсүнө карай жүндү чийге чырмап, көчөт чыгарат. Ал тургай, өтө татаал, айкын көчөттөрдү чийге чырмап түшүрүп, үйдү көркөмдүккө бөлөө менен катар, кыргыз кыялын, оюн, көркөм сезимин ар бир тал чийдин бетинен көргөзө алган. Чырмаган чийди негизи ашканага, эшик башына, ал жетишкендер бүт эле керегеге калама канат чийге чейин колдонот. Тектикке чырмап көчөт түшүрүү абдан уздукту, аябай чебердикти талап кылган маданият болгон. Чырмап көчөт түшүрүүгө: чий, жүн (түрдүү бойокто), чий согуучу жип, салмоор таш, бакан сыяктуу жабдуулар керектелет. Чырмаган чийдин көлөмүн чий сан санагы менен белгилеген.

12. Токуу

Жүлгө (килемге) жиптерден токуу аркылуу көчөт түшүрүү ыкмасы болгон. Жүл токуу отурукташкан элде көбүрөөк өнүккөнү менен кыргыздарда да жүл (килем) токууну кыргыздын бир ыптасындагы эрте отурукташкан кыргыздардын өздөштүрүшү эртеден башталган. Атайын «жүл көчөт», ошону менен катар эле «килем көчөт» деген арналуу килемге салына турган көчөттөр болгон. Килем көчөттүн аталыштарын Ж. Мукамбаевдин «Жергиликтүү айтымдар сөздүгүнөн» окусак, ар жерлердеги элибиздин жүл көчөтү боюнча маалымат алабыз, анда мындай айтылган: «алма көчөт ичк. алма жыгачынын элесин берген көчөт; алма көчөт онову болот; анар көчөт лейл. анар багынын элесин берген көчөт; андаза көчөт ар кыл оймочийме түшүрүлгөн кооздук; баштык көчөт батк. баштыктын элөсин берген көчөттүн түрү; жүл көчөт жерг. жүнү «кырык», такыр салына турган ар кыл килем көчөтүнүн жалпы аты; жалгыз үйдүн ашы эрмек девей, жүл көчөттү бол; жылдыз көчөт ал. жылдыздын элесин берген көчөттүн бир түрү; жылдыз көчөт балгар-көчөт, пашайы көчөт деп койовуз («жылдыс көчөт» түрүндө сайылат); кара калпак көчөт батк., лейл. тигинен узунураак, туурасынан кыскараак келген төрт жактуу, ар бир жагынын башында тогологураак, ич жагы үч тиш, ачалуу оюм ( анын бир нече варианттары бар ); кара көчөт жжол. түп орду менен көчүрүлгөн жемиш жыгачы; килем көчөт акт., атб. килем көчөттөрүнүн тордомо чийге, кийизге көчүрүлгөн оюмдарынын жалпы аты; килем көчөт бүткөндө; кой шывак көчөт пам. шыбак өсүмдүгүнүн элесин берген оюм; кош көчөт бирдей салынган окшош эки оюм, кош көчөт салам; үч көчөт килемге бир түрдө түшүрүлгөн көчөттүн жалпы аты жана ошондой көчөтү бар килем; көчөттүн теги батк. килемдин түр түшүрүлбөй калган жери; үй лейл. килемдин ортосундагы туташ көчөттүн комплекси жана ал ээлеген аралык (бир үйдө бир нече көчөт болот, ал эми ар бир килемге көлөмүнө жараша экиден төрткө чейин үй салынат); гилемиңердин канча үйүн бүттүңөр?; күйдүм ал. килемге түшүрүлгөн көчөттүн бир түрү; бир эле гилемге тамаша көчөт, журнал көчөт, нокто башы, күйдүм көчөт, кызгалдак түшүрүлө берет»[18]

13. Түйүү

Көчөт түшүрүүнүн бир жакшы ыкымы, ийрилген жиптен түйүштүрүп торлоп көчөт түшүрүү болуп эсептелет. Мындай ыкмада көчөт түшүргөн тор буюм «жебилге» аталып, жебилгени (торду) боз үйдүн төтөгөсүнө, жабыкбашынын этегине, ат абайы үртүктүн этегине салган. Ал тургай, көчкөндө, төөгө жүктөлгөн жүккө жабуулаган «калы килемдин» четине жебилге салып, анын астына «кежим» аталган чачык делбиретип кооздоп койгон. Жебилге түйүү көчөттөрү кереге көз, тумарча, жылдыз көчөт, ай көчөттөр ж. б. болгон. Андан бөлөк, бапик түйүү, кежим (чачы) түйүү, камчынын түшкүнүн түйүү, жипти түрдүүчө түйүп учун бекитүү, жипти байлоо (түрдүү нерсеге), мисалы казыкпооч, күрмөө, чалуу сыяктуу түйүп-байлоо ыкымдары, өнөрлөрү түйүү ыкымына кирген. Түйүп көчөт түшүрүү буюмдардын көркөмдүгүн көрсөтүү менен, адамдардын, тегеле табяттын байланыш түйүндөрүн, көркөмдүктүн катмарлуулугун көрсөтүп турат. Кийинки кездерде «жебилге» түйүүнү «тор» түйүү деп айтып алгандар да болгон.

14. Өрүү

Көчөт түшүрүү ыкымын бирөө өрүп түшүрүү болгон. Өрүү ийрилген жиптен, тилинген көктөн жана тилинген кайыштан болгон. Көктөн камчы өрүм көчөттөрү, мисалы, жылан боор, суйсал көчөттөрү түшүрүлгөн; кайыштан тилинип (шоонача) жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк сыяктуу ат жабдыктарына таңдай көчөт, каркыра көчөт, жылан боор көчөт сыяктуулар түшүрүлгөн. Ал ийрилген жиптен артайыл (басмайыл), анын ала артайыл түрү, ычкыр сыяктууларга ылайыктуу көчөттөрдү өрүү ыкмасы менен түшүргөн.

4§ Көчөт өзгөчөлүктөрү

Кыргыз көчөттөрүнүн өзгөчөлүгү өтө көрүнүктүү болгон. Абдан көрүнүктүүсү, кыргыз көчөттөрү улуттун ички жана сырткы дүйнөсүн көрсөтүп бере алган. Жыйнак айтканда, кыргыз көчөттөрү руханий маданиятындагы (элдик ишенимдердеги) «ыйык» нерселердин элеси, кыял, сезимдери көчөт маданиятынан көрүнсө, заттык маданиятында, ар бир доордун жашоосундагы жаңы (чыны пияла), өздөрүнө абдан керектүү буюмдардын элесин (тарак) көчөт маданиятына түшүргөн. Атап айтканда, кыргыздын руханий дүйнөсү менен заттык дүйнөсүндө көчөттөрүнөн көрүнгөн өзгөчөлүк бар деп айтса болот. Майдалай көрсөткөндө, төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү болгон.

1. Ыйык

 Кыргыз акылмандуулугу табият менен ымалалуу жашоо, табиятты коргоо, аны аёодо «ыйык тутуу» деген мамилени тапкан. Ыйык нерсени аёо, андан айбыгуу, аны урматтоо аркылуу гана, анын ыйык касиети өзүнүн жакшылык иштерин колдойт, оңдойт деген элдик ишенимди тургузган. Эгерим, ыйык деген ишеними болбосо, табияттан коркпос, аябас болуп, өз пайдасына кыргын салууну тыя алмак эмес. «Ыйыкка» ишенүүнү өзүнө чоң жөлөк, колдоочу катары көрүп, жашоосуна, жанына ыйыктарды ыроолотуп ала жүрүү максатында, көчөттөргө ыйык нерселердин мүчөлөрүн көчөттөгөн. Айтмакчы, адамдар жашоосунда, кармаган-тутканында, көргөн нерселеринде «ыйыктарды» ыроолотуу көйүндө болгонун көчөттөрүнөн баамдаткан. Ошондон улам, кыргыз көчөттөрүнүн орчундуу бөлүгү «ыйык көчөттөр» менен «элдик ишенимден көчөттөрүнүн» ээлеген салмагы көп болуу өзгөчөлүгүн көрсөткөн.

2. Ийилчээк

Кыргыз акылмандуулугу адамдыкка жетилүүнүн чоң ченинин бирөө «ийилчээк» (алпейим) болуу деп караган. Ушул түшүнүктөн улам, табияттагы жандуу-жансыздардын ийилчээктигин жактаган. Суунун ийри агышын ийилчээктиги (катууга такашпайт) деп эсептеген. Ал бай терек, чынар терек кайкалап көк тиреп өскөнү менен, алар канча бийик өссө да, алардын шагы ошончо ийилчээк болот деп түшүндүргөн. Айтмакчы, ушундай ийилчээктик түшүнүк кыргыз көчөттөрүнүн өзгөчөлүгү болгон. Кыргыз көчөттөрүндө, түз сызык, чарчы кебетелер жок да, бардыгы ийилген, ийрек, тегерек сызыктардан куралган. Мисалы, сыңар ийин (каруу жиликтин ийилиши), мүйүз, канат, көз, бут (таман, из), куйрук .ж.б. бир сыйрадан чыккан көчөттөр бүт эле «ийилчээк», иймек, тегерек сызыктар болуп, көчөттөрдүн алпейимдик өзгөчөлүгүн сызыктарын курч эмес, мокор (томолок) көрсөткөн. Кыргыз көчөттөрүндө катуу, учтуу нерселердин, каруу-жарактардын элеси көчөттөлбөгөн, ошол себептүү көчөттөр адамдарга жумшак, илбериңки, жылуу сезим бере алган өзгөчөлүгү болгон.

Кыргыз көчөттөрүнүн ийилчээктигин (жумшактыгын) көчөттүн атын аташтан да көрсөтө алган. Алсак, көчөттөрүндө азуулуу, тумшуктуу, тырмактуу жырткыч айбандардын (сырттандарынын) белгилүү бир мүчөсү көчөттөлгөнү менен, алардын адамдарды сестенте турган аттары менен көчөттү атабай, жумшартып, адамга жакындарынын аты менен атаган. Алсак, «ит куйрук көчөт», «ит таман көчөт» дегендер, түбүндө, ыйык көргөн азуулуулардын сырттандары арстан, жолборс, бөрү сыяктуулардын куйругу, таманы болгону менен (алар болбосо, иттин куйругу, таманында кайдан касиет болмок), аны атоодо адамга жакын, бала-чака укканда сестенбей турган «иттин» аты менен атаган. эгер ал көчөттү «жолборс куйрук», же «бөрү куйрук» деп аталса, ажыздар, балдар сестенип, аларга рухий басым болмок. Дагы жумшак угулушу үчүн, чоң нерсени кичиртип, алсак, «төө моюн» эмес, «бото моюн», «ат туяк» эмес, «тай туяк» деген сыяктуу сүйкүмдүү угулушуна атайын көөн бурган. Дагы кээ бирөөнө «-ча» кичиртме, эркелетме мүчө кошуп, «тарак» дебей, «таракча», «жаакча».ж.б. айтып, көчөттөрдүн ийлчээк, жумшак болуу өзгөчөлүгүн чыгарган.

3. Айкын

Кыргыз көчөттөрүнүн дагы бир өзгөчөлүгү, анын айкын болушунан көрүнгөн. Анын айкындыгы, көчөттөрдүн атынын жана затынын айкын болушу жагынан билинген. Кыргыз дүйнө таанымында, ар кандай бир затты жана нерсени таанууда оболу ат коюп, ошол атына жараша затын таануу болгон. ушул түшүнүктөн улам, ар кандай чыгарылган көчөттүн аты аталып, ал аты затын көрсөтүп турган айкын өзгөчөлүгү болгон. Ал эми, кайра эле атын коюуда анын затына баккан. Алсак, демейде көп колдонула турган «мүйүз» көчөттөрү ал эмненин мүйүзү болсо, ал көчөттүн аныктооч сөзү ошол заты менен аталган. Мисалы, аркар мүйүз, бугу мүйүз. ж.б. «көз» көчөттөрү эмненин көзү болсо, ал аныктооч сөз болуп, мисалы, тоок көз, кекилик көз.ж.б аталган.

Көчөттөрдөгү заты айкын болууда, кыргыздын табият таануусу, ар бир заттын өзүн эле эмес, мүнөзүн, касиетин таануусу өтө айкын болгон. Көчөткө заттарды, табият мүчөлөрүн тандап алууда алардын жашоосуна абдан зарыл болгон, жашатып жаткан кайсы бир мүчөсүн алып, ошол мүчөсүндө касиет болот деген түшүнүк менен, алсак, учкан айбандарда «канат» анын жанын, денин сактаган касиеттүү мүчөсү деп таанып, бир сыйра канат көчөттөрүн (куш канат, чымын канат.ж.б.) чыгарган.

Көчөттөрдөгү айкындык, ар бир көчөттүн эмнеден көчүрүлүп алынган элеси айкын, төп турганынан көрүнгөн. Айтсак, «кой көз көчөт» менен «тоок көз көчөттү» карасак, ал койдун, тооктун көзүнүн өзүндөй болуп, көргөн киши эмненин көзү экенин айырмалай алгыдай даражада төп, айкын көчүрүлгөн. Атап айтканда, көчөттөгү элести, ошол айбан же заттардын өзүнө салыштырса айкын тааный ала турган өзгөчөлүккө ээ болгон.

4. Жарашыктуу

 Кыргыз акылмандуулугу «жарашыкка» абдан маани менен караган. Жасалгалоо «жарашыкка келтирүү» болуп, ар кандай нерсе өзүнө гана жарашууну чен кылган. Алсак, кийимдин жарашыгы аны кийип турган кишинин өңү, боюна жарашканы өзүнө жарашканы, жарашымдуу кийим болгону болсо, ал аттын ээри кандай кооз болгону менен, аны төөгө токуса жарашпайт, төөгө өзүнүн кому (чому) жарашат деген тамсилдер сыяктуу кыргыз көчөттөрүнүн жарашыгы анын ордуна, колдонгон жерине жарашыктуу болушунан көрүнгөн. Атап айтсак, шырдак оюу көчөтүн, чырмакка, өрмөккө салса жарашпаганы көрүнөт. Ал шырдакка кайсы бир сонун гүлдү (роза гүлүн) көчөттөп оюу салса, чынында жарашпайт. Кадыресе, кийимдин жакасына жарашканды, багелекке (бучкакка) салса, жарашпайт да, ал көчөттүн касиети качат. Баш кийимге ыйык (колдоочу) көчөттөр салынбай, аза туткан «тул көчөт» түшсө, жарашпаганы бир кеп, анын шүйкүмү бузук көрүнөт. Ушундай, кыргыз көчөттөрүнүн жарашыгы түшкөн ордуна жарашуусу чен болгон.

Кыргыз көчөттөрүнүн жарашыгы ар бир көчөттүн жалгыз турган көрүнүшүнөн эмес, ал башка көчөттөр менен айкашып, коюндашып турушу, бирин-бири ачып жараштыруусунан көрүнгөн. Атап айтканда, көчөттөрүнүн жарашыгы алардын «шайкештүүлүгүнөн» көрүнгөн. Атасак, «кош канат» көчөтү негиз болгон түстө (мисали, көк түс) көрүнсө, анын оюусуна коюндашып жөрмөлгөнү «бугу мүйүз көчөтү» дагы бир көмүскө түстө (мисалы, кызыл) көрүнөт. Ушундай, бир эле көчөттүн башка түс, башка элес менен шайкешип келүүсү анын жарашыгын көрсөтө алат.

Кыргыз көчөттөрүнүн жарашыгы кыргыздын сулуулукка умтулуу табиятын чен кылган. Көркөмдүк жана сулуулукка умтулуу адамзаттын орток табияты болгону менен, көзү үйрөнгөн (бала кезден), чөйрөсүнө каныккан нерселер, ошол үчүн сулуу көрүнөт. Сулуулук чени да адат, салт менен калыптанган. Алсак, кээ бирөө кареги жашыл бирөөн сулуу көрсө, ал кыргызга окшош дагы бирөөлөр кара көздү сулуу көрүп, жүздөгөн «кара көз» ырларды чыгарып суктанат. Ушуга окшош, кыргыздын өзүмдүк сулуулук, көркөмдүк чени болуп, ал чен көчөттөрдөн түс шайкештиги, көчөт сызыктарынын курч, кырдуу, чарчы эмес, тегерек, ийилчээк, баёо турушу жарашкан болуп көрүнөт. Болуп да тектиктеги түстөрдүн шайкештиги, кыргыздын улуттук түсү болгон кызыл түстүн көлөмдөнүп көрүнүшү көчөттөрдүн ого бетер жарашыктуу болушун ачкан.

5. Көп

Кыргыз көчөттөрүнүн бөтөнчө өзгөчөлүгү – түрү көп, саны көп. Көчөттүн түргө бөлүнүүсүн айтсак, аткарган жумушуна карай, үч чоң түргө бөлүнгөн. Биринчи түрү, буюм жасай турган көчөттөр, экинчи түрү, буюм жасалгалай турган көчөттөр, үчүнчү түрү, баян көчөттөр болгон. Ал санын айтсак, эртеде кыргыз көчөт таануучу М.В. Рындын жыйнаган көчөт үлгүсү 173 деген маалымат бар[19]. Ал эми, биздин эл ичинен жыйнап, ушул кезде турмушта колдонуп жаткан үлгүлөрүн сүрөткө алып, ар бир көчөттүн атын сүрөткө көздөштүргөндө жөрөлгөлүү көчөт 70 болду (инчи менен белгиленгени 64, ал гүл көчөттөр анын ичинде саналбады), биз көрсөткөн бул көчөттөр сүрөтү барлары менен чектелди, анын үстүнө, бул тек бир гана чөлкөмдөгү кыргыз эл ичинде ушул күндө колдонгон көчөттөр болду. Ал эми дүйнөдөгү кыргыздар жашаган жерлерден толуктаганда, бул сандын ашуусунда шек жок. Айтмакчы, Жээнбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалоктологиалык сөздүгүндө» көптөгөн жергиликтүү айтымдардагы көчөттөрдүн атын айтып, затын түшүндүргөн, ал сөздүктө да 70тен ашуун көчөт аты тизмектелген. Биз бул эмгекте ал сөздүктө көрсөтүлгөндөрдөн накыл келтирип, пайдаланууга жетиштик, бирок сүрөтү болбогондуктан «сүрөттү тизмеге», түрлөргө киргизүү мүмкүнчүлүгү болбоду. Дагы бирөө, ушул күндө өнүктүрүлгөн «кыял» көчөттөрдүн саны алда качан арбын экени көрүнөт. Бирок биздин көрсөткөн саныбыз, тек көчөт негиздери, жөрөлгөлүү көчөттөрдү гана болгонун атайын айтып койсок болот.

Баса белгилей турган нерсе, кыргыз көчөттөрүнүн түрлөрүнө, санына кирүүчү көчөттөрдүн шарты: көчөттүн аталышы, көчөт формасы (элеси), көчөттүн мааниси (эмне максатта колдонулат), көчөттүн чыккан негизи, эл ичинде жалпы колдонулушу болду. Ушул шарттарга толуму болбогондору, мындан кийинки изилдөөнү күтүүгө калтырылып, көчөт жыйнагындагы санга кирбеди.

Кыргыз көчөттөрүнүн «көп» деген өзгөчөлүгүнө, жалпы көчөт санынын ичинде, ыйык көргөн жана элдик ишеним негизинде чыккан көчөттөр көп деген мазмун камтылат. Айтмакчы, тоо-таш, өсүмдүк боюнча көчөттөр сээрек болгон. Ушул салыштырмадан, кыргыздын көчөттөрүнүн чыккан негизи акылды, акыл сүйөрлүк (философиялык) идеяны негиз эткени көрүнөт деп, кыргыз көчөттөрүнүн өзгөчөлүгүн тыянактаса болчудай.

Көчөт майнап: Эң жышаналуу көчөт – Умай көчөт; Эң жышанасыз көчөт – тул көчөт.

Пайдаланган адабияттар

  • [7] К.К. Юдахин, «Кыргызча-орусча сөздүк», 1-том, Фрунзе 1985-жыл, 433-бет.
  • Э. Абдулдаев, Д. Исаевдердин редакторлугунда, «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», 1-том, 581-бет.
  • «Кыргыз элдик оюу-чийүүлөрү», 1985-жылы, «Шинжаң эл басмасы».
  • Ш. К. Моңолдоров. «Кыргыздын улуттук оюмчийимдери» 1995-жылы Кыргызстан «Учкун» басмасы.
  • Эн белгилерин Жумалы Аскараалы уулу камдады.
  • «Жаңы таңнаама» 217-ором «Кыргыздар баяны» (кытайча).
[8] [9] [11] [14] [15] [16] [17] [18] Жээнбай Мукамбаев «Кыргыз тилинин диалектологилык сөздүгү» электрондук нускасы.

[10] Ж. Мамай «Манас» электрондук нускасы.

  • С. Орозбаков «Манас» электрондук нускасы.
  • В.В. Бутанаев «Эн -Сай» кыргыздары.

Гүлжамал Жаманкулова, «Оюулар сүйлөйт», «Кыргыз тил маданият», 2014-жыл, № 28.

Амантур Акматалиев, «Кыргыздын уз-усталары», Бишкек 1997.

[18] В.А. Максимов, Е.К. Сорокин, «КИРГИЗСКЙ УЗОР» (Алъбом), 1986.

Кыргыз көчөттөрүн эл ичинен текшерүүдө: Дүрүяхан Жөргөлөк кызы, Бактыгүл Кочкорбай кызы, Турнакан Молдобай кызы, Түрдүбү Бекиш кызы, Патигүл Бокош кызы сыяктуу уздардан материал алынды.

 

КИТЕПКЕ СУНУШ ЖАНА ПИКИРЛЕР

Сынчылык маданиятыбызга  сереп салган кайталангыс эмгек

Колубуздагы филология илимдеринин доктору Кармыштегин Макелек Өмүрбайдын «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» деген эмгегинин жарык көрүшү улуттук илим менен маданиятыбыздагы өзгөчө окуя болуп эсептелет.

Кыргыз көөнө маданиятында, эл турмушунда сынчылык өзгөчө өнөр, табияттан берилген уникалдуу тартуу, айрым гана адамдар ээ болуучу шыбага катары эсептелген. Бул өнөр билим менен тажрыйбанын татаал биримдигинен жаралат. Булардын ичинен атка баа берүү – сынчылык көптөгөн эмпирикалык билимдердин синтезин талап кылган, ал адам зоологияны да, метеорологияны да, спорттук машыгуу ыкмаларын да, элдик медицинаны да билиши керек болгон. Ат чабыштын ар кандай түрлөрү: жорго салыш, кунан чабыш, аламан байге ж.б., кыз куумай, көк бөрү, оодарыш, тыйын эңмей, найза сайыш, жамбы атыш ж.б. ат оюндарына чоң мөөрөйлөр коюлган, уруу менен уруу, эл менен эл мелдешип, намыс талашкан, андыктан ат сырын билген сынчылыр менен ат таптаган саяпкерлер жылкы баласын тандашкан, тапка келтирген. Манастын Аккуласы, Төштүктүн Чалкуйругу, Алмамбеттин Сараласы, Бакайдын Көктулпары, Чубактын Көкаласы, Сыргактын Көкчебичи, Ажыбайдын Карткүрөңү, Коңурбайдын Алкарасы, Кошойдун Тайторусу, Күлчоронун Суркоёну, Көкчөнүн Көкаласы, Көкөтайдын Мааникери, Жолойдун Ачбууданы, Көкүлдүн Керкулуну, Курманбектин Телторусу, Семетейдин Тайторусу эгер алардын артында саяпкерсынчылар болбосо анчалык даңктуу болмок эмес. Дал ошол билимдүү адамдар аркылуу улам кийинки муун мындай түшүнүктөрдү таанып-билип, өздөштүргөн. Элдик сынчылары жылкыларды кылдарына, түстөрүнө, басыгына, жүрүш өзгөчөлүктөрүнө, жашына ж.б. карай сын берген. Ат сырын билген саяпкерлер ат чабышка атайын барып күлүктөр чубатуудан өткөнгө чейин көрүнөө да, көмүскө да туруп алып ар бир атты сындан өткөргөн. Аттын кайсыл жеринде айыбы бар экенин сынчы-саяпкерлер билип коюшат. Байгеге чабылардан алдын эгер эт ала баштаганы байкаса ичин тартуу үчүн суутат, ченемине жараша таңашырат, сууну, жемди тандап, талдап туруп берет, уйкусу кандай болушу керектигин, туягын, жал-көкүлүн бүт карайт. Табына келтире албаса мелдешке катыштырбайт. Аттын тукумун изилдейт. Күлүктөр кандай жерден коё берилип, кандай жерлерден, кандай бурумдардан өтөт, бийик жерде чабылабы, пас жерде чабылабы, өйдө карап кетишеби, ылдый карап кетишеби – ошолордун баары үйрөнүлөт. Мунун баарын өздөштүрүү – өзүнчө эле эмпирикалык илим жана атадан балага өткөн тажрыйба. Алар аттын кийин кандай болорун кулун кезинде эле билген, алдын ала келечегин айткан; аттын өзүн көрбөй туруп, баскан басыгынан сын берген; ар бир аттын канчалык жерге чейин чуркай аларын билген; күлүк атты он сегиз түргө чейин ажыратышкан; байгеге кошкондо чабардеси ким болушу керектигин тандаган; терин, майын калтырбайт, бирок сынын, сөөгүн жоготпойт; суутат; организми талап кылган жемди, суусундукту кандай берүүнү (боз от, бетеге, беде, атала, жарма, бээнин сүтү, жүгөрү, арпа, сулу, таруу, буудай, көктөмгө агытуу, карга агытуу, булактын суусун ичирүү, шор суу берүү, мөңгү суу берүү, карандыз берүү, күкүрт берүү ж.б.); аттын кабыргаларын, жалын, куйругун, терисин, буттарын, сийдигин, заңын, кылдарын, азынаганын, кишенегенин, оттогонун, суу ичкенин ж.б. нерселерин карап туруп сын берүү, табын келтирүү ж.б. Кыргыздар арасында саяпкерлер, сынчылар өзгөчө бааланган. Азыр да ошол салттуулукту сактап аттарын байгеге кошуп жүргөн адамдар аз да болсо кездешет.

Ал эми куш кармаган саятчылар, куш таптаган мүнүшкөрлөр да өзгөчө билимге ээ болгон. Алар алгыр куштарды таап, таптап, үндөккө келтирип, илбээсин жана ар кандай жан-жаныбарларды алдырууга жетишкен. Мүнүшкөрлөр уядан бүркүттүн баласын алып, таптап, колго көнүктүрөт. Ал үчүн аны ээсинин чакырыгына жана үндөөсүнө келгенге үйрөтөт, ага ар бир келген сайын бир кесимден эт берип турат. Кийин түлкүнүн куйругун (чыргаа) байлап алып сүйрөйт, бүркүт аны баса калып үйрөнөт. Томого кийгенге көнүгөт. Атчан бастырган мүнүшкөрдүн колуна конгонго, колун серпкенде ала турган жемине көтөрүлгөнгө, барып басып жыгылганга, ээси келгенге чейин басып турганга, кайра ээсинин колуна конгонго ж.б. кыймыл-аракеттерди жасаганга мүнүшкөр көнүктүрүп отуруп акыры жеткирет. Аны үчүн ага тажрыйба жана ыктарды билүү керек.

Макелек Өмүрбайдын «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» аттуу бул китебинде жылкы жана куш сынчылыгы, көчөт өнөрү өзгөчө терең ачылган: аларда тарых менен философия, этика менен эстетика, этнография менен этнопедагогика, эл турмушу менен жаныбарлардын жашоосу эриш-аркак биримдикте чагылдырылган. Автор тарабынан байыртадан бери келе жаткан кыргыз салты, элдик билимдери, көркөм өнөрү кеңири пайдаланылган. Эгер муну азыр ушул Макелек Өмүрбай сыяктуу мурдагы элдик өнөрдү билгендер, аздектегендер дал бүгүн айтып калбаса, эртеңки муун мындайлардын далайын колдон чыгарып жибермек.

Китептин ичиндеги «Кыргыз көчөт маданияты» деген макаласы болсо кыргыз илиминдеги жаңы сөз, жаңы ачылыш. Мурда этнографтар улуттук көчөт өнөрүн баяндоо формасында гана айтып келсе, бул макалада ал өнөргө илимий баа берилген. Изилдөөчүнүн мисалдары өтө көп, алган темасы масштабдуу. Келечек муун үчүн керектүү материалдарды издеп, таап, ыраттуулукка салып, илимий баа бергендиги үчүн авторго таазим кылышыбыз керек, ал абдан чоң жумуштарды жасагандыгын белгилей кетүүбүз зарыл.

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика  илимдеринин доктору, профессор

СЫН ТУТКАСЫ

Сынчылык өзүнчө бир улуу өнөр. Өзүнө сын берип, өз турпатына, жөндөмүнө сын көз менен карай алган улут гана өсүп-өркүндөй алары шексиз.

Сын маданияты, сынчылык өнөр тууралуу айрым ойпикирлер менен азыноолак тааныш элем. Бул ирет кытайлык боордошубуз Макелек Өмүрбай агайдын «Ала-Тоо» журналындагы (№2, 2022, №4, 2022) кеңири макаласын окуп алып өз оюмду ортого салгым келди. Эң ириде бул сынчылык маданиятына, асыресе кыргыз элинин сын берүү касиетине кеңири токтолгон ар тараптуу жана өзөктүү эмгек экени талашсыз.

Кыргыз элинин дагы бир нарктуу эл экенин далилдеп, негиздеп берди. Бул эмгек илимпоздорго, адабиятчы жана жазуучуларга, жалпы эле окурман журтуна жылуу маанай жаратары шексиз. Кыргыз элинде «Сынынан жазбай», «Куу алган кушка эмне сын», «Сынчы менен ырчыга сот жок», «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» деген сыяктуу сынчылыкка өзгөчө талаптар байыртан айтылып келет. Кыргыз баласынын жарым өмүрү ат үстүндө өтсө, калган жарым өмүрү куш салып, кумарланып өткөн эмеспи. Ошол себептен болсо керек, агайдын бул эмгеги адегенде адам сынчылыгына арналган.

Канаттууларга сын берүү боюнча буга дейре сөз менен ойдун кеменгери Саякбай Каралаевдин эмгегинен окуп, бир таң бердим эле. Эми болсо Макелек агайдын бул эмгегин окуп, кыргыз баласы кантип куш сырын гана билбей, куш тилин түшүнүп, куш мүнөзүн бири-биринен айырмалап, куш менен адамды салыштырып, кээде кушту адамдай кастарлап, кыргыз баласынын кушка сын берүүдөгү эбегейсиз сыр билгилигине, ой-чабытына таң бердим.

Ата-бабаларыбыз не деген таланттуу, өнөрлүү, кыраакы эл болгон.

Биз, кийинки муун Макелек агай билгендин көбүн билбейт экенбиз. Көбүн аңдабай жүргөн экенбиз. Не деген көөнөрбөс байлык!

Адам сынчылыгы боюнча өзүнчө бир сүрөткердик баамчылдыкты, психологиялык, а балким медициналык билимди талап кылган нукура илимий эмгек. «Өңдү көрсө жүз таят», «Түсү ийгиден түңүлбө» деген кыргыз накылдар төгүн жерден жаралбаса керек. Айрыкча бул сыпаттар адабий каарманды сүрөттөөгө чебер колдонсо болчудай.

…Баш, …көз, …кулак, …мурун, …жаак, а тургай чачы аркылуу адамдын ички дүйнөсүн, мүнөзүн, ниетин, ким экендигин баамдаса боло тургандай.

Улут жандуу Макелек агайыбыздын бул ары кызыктуу жана ары терең эмгеги «кыргыз таануу» илимин дагы бир бийиктикке көтөрдү деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Автордун ар бир макаласы кыргыз көрөңгөсүн тереңден иликтөөгө арналып келет. Ар бир макаласын окуган соң жайдын ысык аптабында муздак бал кымыз ичкендей сергип алам. Ушундай улуу элдин уулу экениме дагы бир сыймыктануу сезимин тартуулаган авторго, мен терең сыйлаган Макелек Өмүрбай агайга алкыш сөзүмдү гана айтмакмын. Бар болуңуз, агай! Кийинки дагы кызыктуу эмгегиңизди чыдамсыздык менен күтөбүз.

Каныбек Иманалиев,  коомдук ишмер, саясат таануу илимдеринин доктору

«ЭҢ ЖАКШЫЛАРГА» ЖАНАШЫП

Жакында, «Ала-Тоодон» саамалыгы менен жарык көргөн кыргыздын бүктөмдө катылуу жүрө берүүгө болбой турган асыл маданиятын сандан-санга зарыга күтүп окудук эле. Мына эми алар жыйнакталып «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» деген ат менен китеп түрүндө окурманга тартуулануунун аңыты жеткендиктен, көксөгөн маданиятыбыздин колго тийгенине эки ооз окурмандык сөз катып калуу ороюн кармап турам.

«Эң жакшысы (чыныгысы–Reality) кайсы?» деген тема – философтор түйшүктөнүп келген чоң ары түпкү маселенин бири. Салттуу карашта, «жакшынын» даражасы, чени болот деп каралат, заттар бирөөнөн бирөө жакшы, асыл болгон. Көрсө тарыхта «жакшынын» ченин окшош болбогон туркудан карап, окшош болбогон жоопторду берип келген. Кыргыздар дагы башка элдердей эле бул түпкү «жакшынын» ченин көрсөтүү маселеге туруктап, байырлап келген. Ага кесиптик сөз таап, «Сынчылык» деп атап, анын элдик билимин калыпташтырган. Бирок биз кылымдардын кыры ал «сынчылык» билимдерин үзөлөк, идирмектетип кеткен кыйырына туш болуп турган кезде, бул «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» кайра үзүлгөнүн улап көзгө тартты. Чынында, кыргыздын улуттук маданиятында «сынчылык» маданиятынын калыптанышы, анын чен-өлчөмүнүн колдонулушу кыргыз тарыхында өтө чоң окуя болгон эле. Анан анын унутулушу, «сынчылыкты» керектебей калуу «сапатты» аңдабай калганга тете, «жакшыны» талдабай, кара коюк жашоого түрткүлөп турган болчу.

Сынчылык кыргыз маданиятында өзгөчө табылга деп атаганда, сынчылык кандай билим болгон, дүйнөлүк «жакшыны» (чыныгыны) издөөчүлөр, философтор (акыл сүйөрлөр) сынчылык боюнча тиш жарып сөз айтканбы? дегенге токтоло кетүү зарыл. Сынчылык кыргыздын элдик билими гана эмес, ал дүйнөлүк адам таануу дайра илимине барып кошула турган, кыргыз айрык агыны гана деп айтса болот. Дүйнөлүк философтор (акыл сүйөрлөр) адам сынчылыгына кайрылбай өтө алган эмес. Алар «жакшы-жаман», «акылдуу-көсөө» деген адамдык сапатты сынга толтуруп, өз чендерин ортого салган. Эң эртедегиси Сократ, Канфуций, Платон (Plato), кийинкилер Кант, Шопенгауэр (Schopenhuer), ал кытайда Сың Гуофан сыяктуу сынчылар адам сынчылыгын тутунгандар болуп эсептелет. Алар адамдын жакшысын сынга толтурганды, адамдын ички сынын, атап айтканда, акыл, эсин сынга толтурууга басым жасаган. Мисалы, Сократ кандай адам акылдуу болот? дегенди атайлап изиктеп, устага, акынга ж. б. жолугуп сурамжалдоо менен, акын чабытка, уста колу сулдуулукка (өнөргө) таяна турганын ашкере айткан. Ал Платон, Кант, Шопенгауэр акылдуулукту адамдык сапаттын жогору тепкичи, акылдуулар гана адамдык сапатты көтөрө алат деген сындарын айтышкан. Ал Платон (Plato), Кант, Шопенгауэр (Arthur Schopenhuer) адамдын акылдуулук сыны туулма, тукум кууштан башталат деген сын сөздөрүн айткан. Ал эми кытай сынчысы Сың Гуофан (1811–1872) «Муздаткыч» (冰鉴) аттуу сынчылык китебин басмадан жарык көрсөткөн. Ушуларды көрсөтүп олтурушубуз, сынчылык адамзатта тизгиндеш жүргөн маданият табылгасы, адамзатка орток билимдер болуп, кыргыз сынчылык маданияты жалгыз жаралган жалкы маданият эмес дегенди табыштоо болуп эсептелет.

Биз сөз кылып жаткан «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» аталган китептин жарык көрүшү кыргыздардын сынчылык билим менен сапат көтөрүү, эң жакшынын чен-өлчөмдөрүн билүүгө, жакшы-жаманды ылгай алуу кыргыз акылын эске салып, бабалардын түп кармаган сынчылык маданиятын кайра жарытып тургандай көрүндү. Бул китептен биринчи эле болуп сынчы, сынчылык эмне, сынчылык болбосо, жашоо эмне болот? – дегендердин жообун таба алат экенбиз.

Кыргыз сынчылык маданияты – бул акылга салып «эң жакшыны» табуучу жана ылгоочу, ары тандоо менен сапаттуу дүйнө жаратуучу маданият болуп калыпташкан. Сынчылык – «эң жакшыны» тандоо маданияты экен. Дүйнөдө бардык заттардын, түшүнүктөрдүн ээси (атасы) болот деген караш менен айтканда, «жакшынын ээси – сынчы» деген жоопко ээ болдук. Кадыресе «сынчылык дүйнө» эл «акыл дүйнөсүнүн» бир көрүнүшү экенин, ошол «акыл дүйнө» менен гана «сынчылык» маданият жаралып, ары өнүгүп келгенин баамдатты. Ата-бабалар «адам сынчылыгы, ат сынчылыгы жана канаттуулар (куш) сынчылыгы» билимдери менен өз коомун сапаттуу, маданияттуу коомго карай тарткан, эң жакшы, эң күчтүү, сырттан дегендерди ылгап чыгуу билимдерин өздөштүрүп, өздөрүнүн чоң акыл кампасын калыпташтыра алган.

«Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» китептин өзгөчөлүгү элдин сынчылык маданиятынын сыягын бир бүтүндүктө көрсөтүү жагына басым жасаган. Бул сынчылык маданияты деп айтылган үч бөлүк мазмун, кыргыз сынчылык маданиятынын бир бүтүн тулкусун, көлөмүн көрсөтүп берди. Бул бүтүндүктөн кыргыз элинин сынчылык маданиятынын жандуу, ары салттуу келгенин баамдатты. Кыргыз сынчылык маданиятынын бүтүндүктө көрүнүшү, бул маданияттын салттуу жөрөлгөсүн, ички маңыз дүйнөсүн туюнтуп, сынчылык «ички-сырткы сын» эшиле келип, жакшынын жакшысын ылгоо чендери чыйратылып чыкканын көрсөтүү бул сынчылыктын орток, бүтүндүк жагы болсо, ал эми ар бир бөлүк маданият өз алдынча мазмун күтүүсүнөн, анын жандуу, ийкемдүү, күүлүү өнүгүүнүн ичиндеги, элге ар качанда өз керегин тийгизип турган жагын даана көрөбүз. Сынчылыктын үч бөлүк маданиятын туташтырып турган нерсе, «сынчы» болгон. Ооба, адам сынчылыгы, ат сынчылыгы, куш сынчылыгынын түйүнү, туташтырганы «сынчы» болгон. Кыргыз акылмандуулугунда сынчыны таануу, сынчыга өзгөчө маани берүү убайына жеткен, ата сөзүндө: «Жаман алдаганга устат, сынчы талдаганга устат», «Ата – балага сынчы», «Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп», «Жаман агайын – күнүчүл, жакшы агайын – сынчыл», «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол», «Эл аралаган сынчы болот, жыгач аралаган үйчү болот», «Эл көзү – сынчы» деген тыянактар уюган. Мында эл сынчынын өлчөмү – Толубай, сынчынын чоңу – «эл көзү» деген тыянак чыгарылган. Кадыресе, сынчыны «билим кенчи», кеменгер адам катары аздектеген. «Кыргыз сынчылык жана көчөт маданиятын» ачканда көрүнгөнү, сынчы, ал тутунган сынчылык маданияты жакшылар менен жанашып өнүккөн, тактап айтканда, жакшыны билүү илими сынчылык болгон экен деген болду.

Сынчы жөнүндө сөз болгондо, кыргызда сынчы канчалык болгон? дегенге ой бөлүнүп кетет. Сынчылык маданиятынын учугунан көрүнгөнү адам сынчысы, ат сынчысы, куш сынчысы деген сынчылык тобу болгону күмөн туудурбайт, ар бир айылда мындай сынчылардын болгонун бул китепте автор атайын айтыптыр, кадыресе сынчы, сынчылык «Билим китепте» кенен айтылганын автор баса белгилептир. Кыз тандоо (мисалы, Каныкейди), ат тандоо (Аккуланы), куш тандоо (Ак шумкарды), баатырды сындан өткөрүү (асманда ак куу болуп учуп жүргөн Айчүрөк кыздын баатырларды сындан өткөргөнү сыяктуу), жерди сындан өткөргөнү сыяктуу сынчылыктын үлгүсү «Манастан» алып айтканы, «Манаста» сынчы көп болуп, сынчылыктын дүбүртү, барааны ошондон белгиленген. Чын эле, кыргыз сынчылыктын жалпылашканын жакшыны (адамдын жакшысын, аттын, куштун сырттандарын) сынчы ылгап чыкса, ал демейкилери менен жамандарын «Эл көзү — сынчы» дегенге ишенгени да, элде да жаман-жакшыны ылгоо чоң сынчылык билимдери уюп жатарын туюнтат. Ошондон айтканда, кыргызга сынчылык маданияты жалпылашканын, бардык жерде сынчы, сынчылык болгон көлөмдү автордун көргөзгөнү сынчылыктын көлөмүнө берген маалымат катары каралат.

«Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» китептеги сынчылык маданиятынын «адам сынчылыгы» бөлүгүндө адамды сынга толтуруу ички сын жана сырткы сын деп экиге бөлүп тааныштырганы адам таануу көйгөйдүн как өзүнөн сөз болгон. Тарыхтан бери «адам деген эмне?» деген маселе философтордун жаагы басылбай сүйлөп келген темасы болуп жүргөн. Алсак, Философиянын тарыхында, И. Кант бул маселени өзүнүн философиясынын бир түйүнү ары акыркы максаты катары системалуу изилдөөгө алган. Ошондуктан муну И. Канттын маселеси деп да атаган.

Андан башка философтор да, бул маселени түрлүү багыттан түрлүү изилдөөлөрдү алып барган. Ары, бул маселе адамзаттын өзүн таануу курбаты жана жөндөмүнө жараша, окшош болбогон деңгээлде чечилип келген. Кыргыз элинде дагы «жаман аттуу болбоону» баш тема кылган адамдын өзүн таануу барышындагы «адамдык туюм», «адамдык табият», «адамдык көңүл», «адамдык жосун», «адамдык жол» сыяктуу адам баалаган билими болгон. Ошол билимдер кыргыз адам сынчылык маданияты болуп, ал адам таануу илиминин өзөгүн түзөт.

Автордун адам таануу илимине ыктап, адамдын ички сын атактарын көрсөтүшү, ички сын атактарынын өлчөм чендерин алып чыгуусу, анда сынга толтурууда адамдын коомдук, этикалык, руханий дүйнөсү жана ыйыктык касиеттерин негиз этүүсү ийгиликтүү чыккан. Адамды таануу как ушул өзгөчөлүктөргө багат. Салттуу коомдо, адамдын «эң чыныгы» маңызын, как ушул сапаттарынан издешет. Ал эми бир адамдын ушул сапаттары канча жогору болсо, ал адамдын наркы ошончо жогору ары күчтүү болгон. Ички сын адамдын ички руханий дүйнөсү деп жалпылап айтканда, рухунда канчалык билим, канчалык жетик касиеттер болсо, адамдык даражасы ошого жараша жогорулай берген. Адам сынчылыгы боюнча автордун майнаптаган ички сын даража атактарында (мунарасында) жеткен учу жана негиз болгон түбү көрсөтүлгөн (чиймени караңыз), анда адамдыктын жеткен учу «айкөлдүн» көрсөтүлүшү, кыргыз адам таануусунун, адам ылгоо жөндөмүнүн жемиши катары караса болот. Чиймеде көрсөткөн адам сынчылыгындагы «ички сын атактары» кыргыз акылмандуулугунда көрсөтүлгөн, эли кылымдардан айтып келген элге жатык атактар болуп, алып айтсак, «Манаста» такай айтылган «Айкөл» элге жалпылашкан, эл баш кишилерине «Көсөм», ал Акбалта, Кошой, Бакайга «Олуя» деген атак, ж.б. атактар эл ичине жалпылашкан. Бул «идеалдуу адамдардын» атак өзгөчөлүгү, өз «жолун», өз «доорун» жаратып кеткендиктен ошондой аталган. Алардын «жолу» жана «доору» элдин өзүн таануудагы жаркын чырак катары эл жүрөгүндө кала берген. Автор атактардын чен-өлчөмдөрүн, даража-тепкичтерин чийме элеси менен көрсөткөнү кыргыз адам таануу жолун белгилегени эле. Мында адамзаттын өнүгүүсүнө жараша адамдын өзүн таануу жана ылгоосу, чоңдон кичүүгө, сырттан ичке, үстүнөн астына, метафизикадан (онтологиядан) тааным теориясына, боштуктан толууга өтүү барышын баштан кечирген. Эми ушундай түпкү өлчөмдүн негизинде, кыргыз сынчылык маданиятындагы адамдын ички сын атактары өз тепкичтерден көрүнгөнү өнүгүү баскычтарын элестетет.

Сырткы сын өң жана бой деген эки түр боюнча көрсөтүлгөн. Ал өңү башты негиз кылган бет ажарын көрсөткөн. Бой моюндан башталып, мүрү, кол, көөдөн, бел, көчүк, бут «тула бой» белгиленген. Мындан кыргыздардын сырткы сынды көп катмарлуу маданий кубулуш деп тааныганын көрүп алууга болот. Бул сырткы сындагы бойдун ар бир курамдык бөлүгүнүн табыгый физиологиялык функциясы таамай анык көрсөтүлүп, адамдын бой сыны ички дүйнөсүнөн тээп чыгарын, ал сырткы сындын «эң чыныгы» дүйнөсү катары каралган. Кыргыз сынчылык маданиятындагы сырткы сын тек сырткы сөөк курамдары катары каралбаган. Ал сырткы сын болсо ички сын менен терең байланган, ары сырткы сындын өзүнүн ар кайсы курамдары дагы бир-бири менен терең байланган, бирдиктүүлүктү жана шайкештикти издеген бүтүндүк, анан сынга толот дегени маданияттын өзөгүн көрсөткөнү болчу. Адам сынчылык маданиятында, ички сын (руханий дүйнөсү) жана сырткы (бой, өң) сындын бирдиктүүлүгү менен адамды сынга толтуруу да жалкы (жалгыз) эмес, дүйнөлүк адам таануу илимине жанашып, ички дүйнөсү кандай болсо, адамдын өңү да ошого жараша болот деген карашына барып ашташат. Кыргыз сынчылыгы адамдын бой-туругу, өң- келбетине өтө көңүл бура турган маданиятка жетишкен экен. Ата сөзүндө «түстүүдөн түңүлбө» деп айтып, сулуу, өңүндө кызылы бар адамдардын ички дүйнөсү бай, руху ток болоруна адамдар ишенген. Адамдын боюндагы мындай мүчө-качасынан (кулак, мурун, ооз ж. б.) ошол кишинин кыялы, мүнөзүн көрүү кыргыз сынчылыгынын чени деп белгилеп, адамдыкты (адам болууну) ичи жана сыртына биргелештире кароо менен болгон деп айтуу автордун дүйнөлүк сынчылык билимдерден маалыматтуу экенин баамдатып, адам сынчылыгында ички сын, сырткы сынды айкалыштыра баяндаганы кыргыз сынчылыктын көзүн ачканга тете жумуш болгон. Адам сынчылыгында тартип, өзүнүн сыягын кантип алып жүрүү, жүрүм-турумун түздөө маданияты коштолуп, адамдык сын ошолордун жыйындысы катары каралганы маданияттын өзүн көрсөткөнү болгон.

«Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» эмгегинде, ат сынчылыгы кыргыз сынчылык жөрөлгөсүнүн бирөө катары шаңдуу алып чыгылган. Аттын адамга канат болуусу сынчылыктын жылкы баласын тааный билүүсү, жылкы табиятын, жылкы билимдерин жетик билүүсүнөн айрылбайт экен. Жылкынын тукуму, түрү, түсү сыяктуулардын өзгөчөлүгүн беш колундай билген киши «Толубайдай сынчы болуп», аттын жакшысын, аргымагын, бууданын мүчө качасы быякта турсун, көрбөй туруп (Толубай көзүнөн айрылганда) тезегинен тааный алуусу, кыргыз ат сынчылыгынын кылда учун көрсөтүп, жылкы таануу билими канчалык бийиктигин белгилегени эле. Ат сынчылыгынын түрлөрүн «Билим китептен» көрсөтүп, ошондогу айтымды ат түрлөрүнө тизүү «Манас» кыргыздын энциклопедиясы дегенге дагы бир жолу ишендирди. Көрсө, ат сынчылыгы ошондо, асыл тукумдарын бабалар жетиштирген экен да, асыл тукум аттын бабасы «Желкайыптан», андан атасы кайып, энеси колдогу жылкыдан «кара байырлар» жетишкени, ал Манастын аргымагы тээ бешинчи урпактагы асыл тукум экени адамды таң калтырып, кыргыз ат сынчылыгына таазим этүүгө аргасыз кылат. Кыргыздын асыл тукум аттарынын чийиминен, баскычтуу тизилишинен караганда, асыл тукум аттарды жетиштирүү үчүн нече урпак, тоодой билим, кажыбас эмгектенүү болгонун көзгө тарылып турат.

Ат сынчылыгында, сынчы жана саяпкерди бөлө баяндаганы, сынчы кеменгер, билим ээси катары каралса, ал саяпкер кесиптик, адистешкен, атты таптоочу өнөр адамы болгон. Сынчынын сынына толгон жылкыны саяпкер таптаган. Кыргыз ат сынчылык билиминде, Толубайды «саяпкер» атабай сынчы атаганы бекеринен эмес экен.

Ушул күндө, эки түшүнүктү бирөөнө оодуруп айтып келебиз. Ат сынчылык маданиятында саяпкердин кесиптик жумушу «ат таптоо» болуп, бир күлүктү табына келтирүү үчүн 40 күн убакыт күлүктүн суутун, тер алуусун, чөп, жем берүү ченин тескеп турууга туура келет экен. Ал табына келген күлүктүн таноосундагы деми мурдагыдай шор даамданбай, тер жыттанбай, булак суусундай таза даамдануу ченине жеткизүү саяпкерлик өнөр болгон.

Ат сынчылык маданиятында жетишкендик катары, «кыргыз аттары», асыл тукумдарынын туругу, жал куйругу, башы, болуп да буту, туягы кандай болорун көзгө тартканы, күлүктү боюндагы кайсыл белгилерине карай тандоо керектиги жөнүндөгү билимдер толук болгонун, кадыресе кыргыз атынын өзгөчөлүгүн, Түркмөн «Ахалтеке аты» деген сыяктуу көзгө бөлүп көрсөтө алганынан көрүнгөн деп айтса болот экен.

«Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» аттуу китептин үчүнчү бөлүгүндө, «Канаттуулар сынчылык маданияты» айтылып, кыргыздардын асманда учкан канаттуунун «кол бала» катары өзүнүн аңчылык өндүрүшүнө жумшаганы баяндалган. Канаттууну, анын кыраанын колго көндүрүү бүткүл жашаган табият билимдери, жаратылыштын мийзамдары жөнүндөгү билимдерге толук каныгууну талап кыла турганын бардык эле адамдар биле алат. Болгону, канаттуулар сынчылык, мүлүшкөрлүк маданиятында адам менен дагы бир табияттын мүчөсү шайкешүүсү өтө даана көрүнгөн. Жаратылыштан айбыгуу, аны аёо негизинде, кыраандарды өз максатына жумшоого жетишүү чоң маданият болгон. Кыргыздар канаттууларды түрлөргө бөлүп таануу, анын ичинде кыраандарын айра билип, аларды «үндөктөп» өзүнө тил алдырып алуу оңой жумуш эмес. Ал жүрүштө, ардактуу жана машакаттуу эмгектерди талап кылары көрүнүп турат. Канаттуулар сынчылык маданиятындагы жетишкендик, канаттуулардын атын, затын билүүгө жетишүү менен, ар кайсы канаттуунун жөндөмүн ачуу, мисалы, эң кичине, чабал канаттуу күйкөнүн да өзүнчө жөндөмүн ачып, ага аңыздагы «эгин уурусу» чычкандарды алдырууга жетишкени сыяктуу канаттуулардын табиятын өздөштүргөн кыргыз билимдерине таазим этсе болот.

Канаттуулар сынчылык маданиятында, алгыр канаттууларды бүркүттөр жана куштар деп эки чоң түргө бөлүп, эң кыраан бүркүттөр менен эң кыраан куштарды ылгап, аларды өзүнүн көгөнүнө байлап олтурган козулар сыяктуу таанып алганына адам ичинен сүйүнөт. Көрсө, бүркүттүн эле 40 түрүн, анын жөндөмүн билүүсү, ителги баштаган кыраан куштардын түрлөрүн, кыраандык ченин айкын билүүсү кыргыздын жаратылыш билимдерине канчалык бай экенин, кадыресе, канаттуулардын төрт мезгилде жашоо табиятын бүткүл ай, күндүн аракетине байлап түшүнгөнү канаттуулар сынчылык маданиятынын өзөгү катары каралат. Канаттуулар сынчылык маданияты да сынчы, мүлүшкер деген эки чоң бөлүк боюнча өнүккөнүн, ал сынчысы канаттууну таануучу, алгыр канаттуулар жана алардын кыраандарын сынга толтуруучу болсо, ал эми мүлүшкөр алгырларды өндүрүшкө даярдоочу кесиптик адамдар экенин автор бөлө айтканы, окурмандар канаттуулар сынчылык маданиятын таануусуна жеңилдик алып келген.

Канаттуулар сынчылык маданиятында табият таануу билимдери: канаттууларды кармоодо кол бала, тор бала өнөрүн; туурга отургузуу, үндөктөө, түлөккө олтургузуу, таптоодо чырга, ооча урунуу сыяктуу билимдерин эмики кезде колдонулбаганы менен (аңчылык болбогону менен), бирок ата-бабанын канаттууларга болгон мамилеси, аларды колго үйрөтүүдөгү акылдарынан, канатууларды таануудагы жаратылыштык билимдеринен азыр да сыймыктанууга татыйт.

«Кыргыз сынчылык жана көчөт маданияты» аттуу китептин жарты бөлүгү «кыргыз көчөт маданияты» болгон. Кыргыз маданияты, болуп да өчүп бара жаткан маданияттардан кеп салып жаткан эмгекте, көчөт маданиятын кошуп, бир жыйнакка топтоо, албетте, окурманына эптүү болууну ойлогону билинет. Кыргызда көчөт маданияты эң эртеде калыптанган, кадыресе бүткүл улутка жалпылашкан «жасануу» маданияты болуп, ар кандай кыргыз тектикке көчөт салып жараштырып урунуп келген. Бирок кийинки кездерде ушул маданияттын аты, көчөттөрдүн аты унутулуп, «ою чийүү», «түр», «нуска» деген сыяктуу аттар менен аталып, улут жалпы колдонгон нерсенин аталышы ар башка болуп кеткен. «Көчөт» сөзүнүн андай өзгөрүп аталып кетиши, ал бир сөз менен гана калбай, ар бир көчөттүн аталышы, ар бир көчөттүн эмне максатта жаралышы, эмне максатка колдонулуу жагы бүдөмүктөй берген, анын майнабы катары «кыял көчөттөр» пайда болуп, өзүнчө жүйөсү, эрежеси, мурат максаты бар жөрөлгөлүү көчөттөр бөлөк жакка көчүп кете баштаган. Кыргыздын жөрөлгөлүү ар бир көчөтү өз жашоосундагы элдик ишенимдерди негиз кылып, үй буюмдарына, кийимдерине жакшылык ыроолосун деген ишенимди негиз этип, улут «ыйык» деп айбыккан нерселерди өзүнө «колдоочу» катары тутунуу максатында чыгарган экен. Атап айтканда, ар бир көчөт маданият, элдик ишеним, тарыхый арткы көрүнүшү менен жабдылып, кыргызга «кийиз китеп» катары, жашоосун жараштырып, түрлөп гана калбай, ага руханий азык болуп бере турган көчөттөр, ооба, ошондой ыйык тутунган, тотем катары көргөн айбандардын кайсы бир мүчөлөрүнүн «көчүрмөсүн» көчөт нускасына киргизген экен. Биздин түшүнүгүбүз, автор тизип чыккан 70 нече көчөттүн аты, мааниси, кандай текке колдонуу орду бар, эл таразасынан өткөн көчөттөр болгон. Ошого, көчөттү (нусканы) кыялга салбай, анын олутуна, ордуна байкоо салуу зарыл экен. Мында өзгөчө айта турганы, кол салык көчөтүн (тул көчөттү) аза күтүү, тул салуу максатында колдонуп, кыргыздын каралуу болгондугун билдирүү белгиси катары кызмат аткарган. Аны элебей кийимдин кайсы бир жерине коюп алганда, жоруму жакшы болбой калуусу мүмкүн. Дагы баш кийимге (жоолукка), жакага салына турган жакшылык жышаналуу көчөттөрдү шымдын багелегине салуу сыяктуу ордун байкабастык жоруктарына байкас коюу керек экен. Ал эми, кийизге оюп, таарга согуп, кездемеге сайып, ташка чегип, жыгачка кобул салып, териге бедер түшүрүп, чийге чырмап сала турган көчөт түрлөрүн айырмалоо, саймада ийне саюу ыкмасы 25 түрдөн ашкан өнөрлөрдү өздөштүрүп, «көчөт маданиятынын» бабалардан калган түпкү жөрөлгөсүнө мурастуулук кылуу бардыгыбыздын ийнибизге түшкөн милдет катары сезинүүбүз керек экен. Мен бир канча жылдан бери, кийиз, өрмөк, чырмак, сайма, ат жабдуулар, идиш аякка, билерик, шакек, сөйкө сыяктуу жасалга буюмдарга түшүрүлгөн көчөттөрдү изилдөө, көчөттөрдүн ордун белгилөө мыйзамдуулугун иликтеп келе жатам, көчөт маданияты менин ал изилдөөмө абдан пайдасын тийгизди, авторго ыраазычылык!

Токтокан Ысмайыл кызы КНР Шинжаң акимчилик башкаруу институту, философия илимдеринин доктору, доцент

КАНАТТУУ РУХУБУЗ КАЙТЫП КЕЛДИ!

«Замана кандай кары кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең… Ошондой унутулган бир күндөрдө, –

Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен».

(А.Осмонов, «Толубай сынчы» поэмасынан)

Ооба, карт тарыхтын катмарында катылган канчалаган кымбат руханий дөөлөттөрүбүз унутулуп баратат. Макелек агайдын эл ичинен издеп, иликтеп тапкан табылгаларынын таасирин – өткөн тарых барактарындагы канаттуу рухтун кайрылып келгениндей кабылдасак болот. Бабалар барктап, бапестеген баалуулуктар «керең» мезгилдин тереңинен табылганы биз үчүн таберик! Улуу элдин салтсанаасы, ой чабыты сабалап учкан куштардай, туягы жер кырчып туйлаган тулпардай болот окшобойбу.

Санчы сынчы, Толубай сынчылардын, Токтогул, Калыгул, Арстанбектин кара кылды как жарган калыстыктары кийинки муундарга жомок сыяктуу сакталып калгандай сезилет. Өз заманында өзөк өрттөгөн ачуу тагдырларга кабылса да өмүрү өрнөк болгон бабаларыбыздын баскан жолун, сынчылык сыпатын, калыстыгын, олуялыгын урпактары уланта алар бекенбиз?!.. Өткөндөгүдөй өнүккөн сынчылык доор кайталанар бекен? Албетте, буйруса жакшы тилек кылалы. Акылды аздектеп, көркөм табитти тарбиялап, сергек сезимди жетилтүүнүн үстүндө гана сынчылык өнөрдү өздөштүрүү, а балким заманга бап өркүндөтүү милдети тургандыр. Колубузга тийген эмгектердин баркына жетип, сынчылык өнөрдү заманга жараша жаңы бийиктикке көтөрүүдө ушул китептеги элдик билимдерди уютку сыңары улам кеңейтип, кан-жаныбызга сиңиришибиз мезгил талабына ылайык келип турат.

Кыргызда адам сынчылыгын «Кишинин ким экени – кирип чыкканча» деген сөз менен эле кыска-нуска берип коюптур. Сынчылар эс, акыл, дил, сөз, үн аркылуу адамды ички сын атактарынын бийик белесине жеткире аныктаганы да айран калтырат. Адам болуунун эң жогорку даражасы “Айкөл” атагы Манасыбызга гана берилген эмеспи. Ал сапатка жетүүдөгү адам болуунун ар бир баскычы алда канча татаал, кыйын экенин, азыркыдай арзан айтылчу сөз эмес экенин дал ушул китептен билсек болот.

Айкөл – Манас, көсөм – Орозду хан,… Олуялар: Акбалта, Кошой, Бакай, Толубай, Асан кайгы, Калыгул, Арстанбек,… Кеменгерлер: Ырчуул, Токтогул, Келдибек, Шапак, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай, Жүсүп,… Даанышмандар: Алмамбет, Ч.Айтматов,… Акылмандар: Каныкей, “Беш аке”,… Бийик – Курманжан,… Билгилер: төкмөлөр, санатчы акындар, кара күүчү, чечендер… Ушул атакка татыктуулар кандай талап, эрежеге баш иери да эң кызыктуу маалымат экендигин белгилегибиз келет. Кишини мындай сынга толтуруу үчүн ички-сырткы сын дал келүүсү, шайкешип туруусу гана толук жооп берчү шарт болгону – сынчылыктын катаал эреже-тартибинен кабар берет.

Аттын сын даражаларын да көбүбүз биле бербесек керек. Ат бабасы – Желкайып – Аккуланын атасы, буудан – Ачбуудан… Дулдул – Суркоён, тулпарлар: Чалкуйрук, Карала, Мааникер, аргымактар: Аккула, Тайбуурул, Телторат, тобурчактар: Көктеке, Сарала… казанат – чоролордун аттары, чалыш: Тоотору, Айбанбоз,Тоосур, Наркызыл, күлүктөр: Сай күлук, Коо күлүк, тап күлүк, Күч күлүк, Суу күлүк, Нес күлүк, Айдай күлүк, жорголор: суу жорго, жол жорго, кой жорго, чапма жорго, шайбыр жорго – булар атты сыноо маданиятындагы баскычтар болсо, атты таптоо, атты минүү, жасоо маданияты да андан кем калышпаган зор өнөр экендигин маалымдайт.

Элибиздин эң сыймыктанаары – оболоп учкан канаттууну да кадырлап колго үйрөткөнү экен. Куштарга кыраандык атакты алган олжосуна, мүнөз, кыял, кыймылына карай бергени – аңыздык куш – Алп кара куш (Эр Төштүк), куш төрөсү – Буудайык учканда бардык канаттуунун бөгүп калгандыгы чыгармаларда айтылып келет. Ал эми куштун туйгунун, тунжурун, тонорун, куу кумпайын, үч аласын, чегир баянын бардык мүнөздөмөлөрү менен сыпаттап, ошого жараша таптаган бабаларыбызга таазим гана кылсак жарашат.

Китептин кийинки бөлүгүндөгү маданиятыбыз да абдан ойго салды. Кийинки мезгилдерде көчөт маданиятын чынында кооздук үчүн колдонгон учурларыбыз арбын. Андагы ар бир элестин терең мааниси ачылган сайын табышмактуу ойлордун жообу табылгандай, сырдуу түйүнү чечилгендей кубанасың. Улуттун духу, улуттун мүнөзү, улуттун кайгы-кубанычы, ой-санаасы анын саймаларында, көчөттөрүндө укмуштуудай чеберчилик менен берилген. Көчөттөрдүн түркүн кубулушуна, ажайып кооздугуна, чагылган табиятына тамшанып суктангандан танбайсың. Элдик ишенимди, улуу рухту толкунга, ай, жылдызга, күнгө, гүлдөргө, канаттууларга, тоолорго, чексиз жолдорго салыштыруулар бар дүйнөңдү толкутат. Жалпы жонунан кол өнөрчүлүктөгү бул маданияттын түшүнүгү кеңири жана терең экендигин, б.а. «көчөт» сөзүнүн түпкү мааниси, бир нерсенин кебетесин, элесин көчүрүп алуу, же болбосо ошол элестер, баян, окуяларды элестетип көчөттү чегүү, согуу, саюу, чырмоо, куроо (шырдак, курак, туш кийиз, төрбөлжүн, күмүш, жыгач, териге түшүрүлгөн элестер ) аркылуу көркөм көчүрүлгөн өрнөк, нуска аталарын баамдайбыз.

Элдик билимдер ой жүгүртүүлөрдүн өзүнчө бир жаткан казынасы. Анда тарых да, жашоо да, эреже да бар. Бабалардын баа жеткис мурастарынын тарыхый маанисин ачуу аркылуу көз караштарындагы табият менен жан-дүйнөдөгү гармониялуулукту, ийкемдүүлүктү байкоого болот.

Бул китеп суусаган рухту канааттандырган, сыймыктануу сезимине бөлөгөн, кызылдай мээнет менен жазылган эмгек экенин баса белгилегим келет. Кеч болсо да китеп келечек үчүн табылгыс байлык болоруна ишенич күчтүү!

Б. Мырзатаева,  И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун доценти, филология илимдеринин кандидаты

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу