Томдук

Кыргыздар 22-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев, Сулайман Рысбаев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

22-ТОМ

Этнопедагогика

Түзгөндөр:  Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ,  Сулайман РЫСБАЕВ

Кыргыз этнопедагогикасы илими – жаш, жаңыдан түптөлүп, калыптанып келаткан илим тармагы. Томдукка ушул илим тармагынын белдүү өкүлдөрү профессорлор А. Алимбеков менен А. Муратовдордун соңку жаңы изилдөөлөрү киргизилди. Бул эмгектер улуттук этнопедагогика илимибиздин өнүгүүсүнө мындан ары да салым кошор жаш илимпоздорго илимий жаңы багыттарды көрсөтөрү шексиз.

 

Абдыкерим  Муратов

КИРИШ СӨЗ

Кыргыз элинин турмушунда «Манас» дастанынын орду өлчөөсүз чоң, ал элге, алардын руханий керектөөсүндө күнүмдүк азыктар: нан, суу сыяктуу эле зарыл болгон. Андагы каармандарга карап балдарды тарбиялаган, андагы окуяларды насааттап муундан-муунга таберик катары өткөрүп келген. Дүйнөлүк маданиятта кайталангыс бул улуу чыгарманын ичинде мифологиялык, архаикалык, фантастикалык окуялар, адабий көркөм сүрөттөөлөр абдан жыш учурагандыгына карабастан каармандарды эл тарыхый реалдуу адамдар, сюжетиндеги чагылдырылган баяндарды болуп өткөн чыныгы окуялар катары кабыл алышкан. Андыктан «Манас» элдин-каны, жаны менен бир болуп калган, кечээги Улуу Ата мекендик согуш учурунда да кыргыз жоокерлери ок учуп, от бүркүп турган жерге «Манастын арбагы колдосун» деп «манастап» ураан чакырып кирип кете берген.

Жусуп Мамайдын вариантынын «Жомок соңу» бөлүмүндө мындай деп жыйынтыкталган жери бар:

Байыркылар кеп салат: «Баатыр Манас арбагы,

Узартып айтсак ар жагы,

Кыямат кайым болгуча,

Кыргызды колдойт», – деп салат.

Дал ушул байыркылардан келе жаткан, муунданмуунга өткөн «Манастын арбагынын колдошу» тууралуу сөз бүгүн менен, эртең менен, сиз менен жана биз менен эле бүтүп калбайт экен, адамзат түгөл түгөнүп, жер бетин кыямат каптаган күнгө чейин уланат экен.

Чыңгыз Айтматов ата-бала болуп калган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен Чүйдүн бир айылына барганын жазып кеткен. Анда жай саратанда колхоз кеңсесинин алдында аксакалдар бири отургучка, бири дөңгөчкө отурушса, балдар тал-теректин башына чымчыктай конуп алышып, бири атчан, бири эшекчен, бир бала төөсүн жаткырып өркөчүнө жайма-жай отуруп, тегерете ак жоолукчан аялдар болуп «Манас» дастанын угууга камынат. Саякбай ата манасын айтып кирет. Бир убакта күтпөгөн жерден асман алай-дүлөй болуп, чагылган кошо чартылдап, күндүн түбү түшкөндөй жамгыр жаап, элдин баары шөмтүрөп суу болот, ат үстүндө манасчынын да башынан бутуна чейин суу өтөт. Ушундай табияттын алааматында бир да киши Саякбайдын манасын таштап кете албайт, аларды «Манас» дастанынан бир керемет күчү байлап алгандай ордуларынан козголуп да койбой, былк да этпей, ыйлаган жерде ыйлап, кайгырган жерде кайгырып, «Манастын» ичине кирип кетишет. «Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгүлүп айтылган сөзгө кошулуп, кадыресе жашоодогу турмуштук өзгөрүүлөрдүн жеңиши менен кыйроосу, баатырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөрлүгү, арзуусу менен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жыргалы, өлүмү менен төрөлүүсү, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албастыгы агын болуп жаап жатты…

Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук…»[1]

Мына ушундай ураан чакырткан, жамгыр-карга, күнтүнгө карабай адамдарды өзүнө тарткан «Манастын» күчү эмнеде?!

Эң биринчи кезекте – кыргыздарды улуттук кызыкчылыктар үчүн биригүүгө чакыргандыгында, ар кандай тышкы жана ички күчтөрдүн таасиринен улам элдигин, кыргыздыгын жоготуп алуу коркунучунан сактап калууга үндөгөндүгүндө. Мына ушунун өзүндө баатырдык менен коркоктуктун, сулуулук менен куниктиктин, айкөлдүк менен ичи тарлыктын, эрдик менен эселектиктин, акылмандык менен акылсыздыктын, мансапкорлук менен берешендиктин, жеңиш менен жеңилиштин көп жактуу, татаал карама-каршылыгы жатат, мына ушунун өзүндө салтанаттуулук менен трагедиялуулук жатат.

Калык Ибраимов мындай пикирин ортого: «Манас» эпосуна тек гана бир теңдешсиз фольклордук чыгарма катары кароо анын чексиз мазмун-маанилик тереңдигин жана кыял жеткис акыл-ой чабытын ойдогудай аңдап билүүгө мүмкүндүк бербейт. «Манас» чындыгында адамзат тарыхынын бүтүндөй бир доорун, кайталангыс катмарын түзгөн кадимки көчмөн цивилизациянын, көчмөн маданияттын, көчмөн рухтун көз кайкыган ажайып көрүнүшү, азыркы күнгө келип жеткен көөнөргүс көркөм-руханий мурасы, ыйык китеби, арман күүсү. Кыргыз үчүн «Манас» кылымдар бою кыргызды кыргыздын өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кезеңдеринде элди өз айланасына баш коштуруп келген улуттук ураан, асаба-туу, касиеттүү кудурет-күч сыяктуу. Ошон үчүн, мусулмандардын «Кураны» менен христиандардын «Инжили» кандай ыйык саналса, кыргыздар да «Манасын» ошондой ыйык көрөт. Бу тууралуу эпостун 1000 жылдыгына жолдогон атайын катында Рим Папасы маркум Иоан Павел II: «Манаста» адамдардын оюнда, жүрөгүндө жана турмушунда азырга чейин жашап жаткан элдин эзелки руху камтылган», – деп таамай белгилеген. Ошон үчүн, абалтан эле миллион сап «Манасты» адатта түшүндө аян берип, илмекайып касиет даарыган айрыкча кишилер гана айтып калары бекер жерден эмес»[2].

Дал ошол бул ыйык чыгарманын «кыргызды кыргызга тааныткан күчү» анын идеяларынын көп катмарлуулугунда, окуяларды жана каармандарды чагылдырууларынын, турмушту көрсөтүүнүн энциклопедиялык мүнөзүндө. Анын энциклопедиялуулугун кыргыз эли-жеринде аз гана күн болуп, бир гана манасчынын чыгармачылыгы менен таанышкан жана бир гана бөлүмдүн, бир гана эпизодун («Көкөтөйдүн ашы») «даамын таткан» Чокон Валиханов мындан 160 жыл мурда эле байкап, жалпы илим чөйрөсүнө даңаза кылып: «бул кыргыз мифтеринин, жомокторунун, уламаларынын бир мезгилге келтирилген, жеке бир адамдын – Манас баатырдын тегерегине топтолгон энциклопедиялык, диндик, медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилелери орун алган» деп айтып салган[3]. Биз ошол пикирди ар дайым сыймык менен колдонуп келебиз, бирок ошол энциклопедиялуулукту илимий негизде ар тараптуу ачып бере албай жатабыз. Анын бири – эпостогу кыргыз элинин салттуу билимдери кандайча чагылдырылгандыгы тууралуу маселе.

«Манас» эпосунун ар кандай варианттарынын тексттери менен таанышкан кезде кыргыз эли жана эпосту элге жеткирүүчүлөр азыркы тил менен айтканда, жогоруда Чокан Валиханов белгилебей кеткен, бирок энциклопедиялуулуктун ичине кирген этнографиялык, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык, этносоциологиялык, этнолингвистикалык, этноадабияттаануучулук, этнофилософиялык гуманитардык билимдерге гана эмес, математикалык, физикалык, химиялык, географиялык, дипломатиялык, полиглоттук, зоологиялык, ботаникалык, анатомиялык, медициналык, аскерий-согуштук, генетикалык, архитектуралык, астрономиялык, космогониялык, техникалык жана өнөр жайлык, технологиялык (тамак-аш, кийимкече даярдоо) ж.б. табигый-жаратылыштык билимдерге ээ болушкан. Алардан тышкары кыргыздар санжырачылык, саяпкерлик, саятчылык, мүнүшкөрлүк деген өнөрбилимдин бийик сересине жеткен. Булар элдин заттык эмес маданияты болуп, ал билимдерсиз тышкы душмандар менен күрөшүү жана ал күрөштө жеңишке жетишүү мүмкүн эмес эле, эгер билимдүү адамдар болбосо Манастын улуу хандыгы курулмак эмес. Билимдүү болгон үчүн кыргыздар түзгөн жана Эне-Сайда жашаган мезгилинде пайдаланып жүргөн он эки жылдык жаныбарлардын аты менен аталган мүчөл жыл календары азыркы күнгө чейин чыгыштын бир катар элдеринде колдонулуп келет.

Манас доорунда иштелип чыккан кыргыздардын согушка кирердеги туу көтөрүү, добулбас кагуу, колду катарга тизүү, кол санын алып, тартибин орнотуудагы онбашы, жүзбашы, миңбашы, түмөнбашы системасы, бийик капкалуу жана коргондуу чептерди багындыруу, бир четинен экинчи четине көз жетпеген суулардан колду аттары жана азык-түлүктөрү менен алып өтүү ыкмалары Чыңгыз хан тарабынан монгол-татарлардын табылгасы катары тарыхка киргизилип калган. Ата журттан миңдеген чакырым алыска кеткен аскерлерди күч-кубат берер тамак-аш, кийим-кече, ат-көөлүк менен камсыздоо, ошол жакта каза болуп калгандарды элине алып келүү, балдарды согушууга үйрөтүү, аттарды да уруш учурунда кандай жүрүү керектигине көнүктүрүү – илим-билимсиз ишке ашпай турган нерселер.

«Манас» эпопеясы, – деп жазат Топчубек Тургуналиев, – көп илимдердин – манастаануу, фольклортаануу, философия, кыргызтаануу, филология, цивилизация, этнография, медицина, топонимика ж.б. илимдердин башаты»1. Демек, бир гана улуу мурасыбыз ондогон илим тармактарынын изилдөө объектисине айланып, ондогон тармактагы адистердин узакка созулган акыл эмгегин талап кылат.

Тилекке каршы, мына ушул «Манас» эпосунун сюжеттик өзөгүндөгү салттуу билимдер анчалык изилденбей келет. Ырас, бул багытта кыргыз окумуштуулары Имель Молдобаевдин (география, медицина), Курманбек Матикеевдин (география), Шайлоо Акмолдаеванын, Жамгырбек Бөкөшовдун (философия), Талип Ормоновдун, Советбек Байгазиевдин (педагогика) эмгектерин эске албай коюуга болбойт. Бирок булар улуу «Манас» эпопеясына салыштырганда өтө эле жетишсиз эмгектер.

Бул багытта жуңголук манастаануучулар жана манаскөйлөр бир кыйла кызыктуу жана пайдалуу эмгектерди тартуулады. Алар Токтокан Ысмайылдын философиялык жумуштары («Манасчынын жаралуусундагы коомдук катмар», «Манас» эпосундагы адамдык байланыш өлчөмдөрү жана өзүн таануучулук жөнүндө»), Токтобек Курмантайдын, Турганбай Касымдын, Адыл Максүттүн, Садык Дабыттын макалалары.

1 Тургуналиев Т. Жүсүп Мамай: айтуучулук. Аткаруучулук. Акылман ойлор // «Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.:

  1. – 14-б.

Элдик математикалык билимдер тууралуу Токобай Турсунбайдын «Манас» эпосундагы сан түшүнүгү жөнүндө», Абдыкерим Рахмандын «Манас» эпосундагы түс жана сан түшүнүгү», Токтонур Ааматтын «Кыргыздардын сан түшүнүгү жана анын «Манас» эпосунда чагылдырылышы», техникалык билимдер тууралуу Маметтурган Курмандын «Манас» эпосундагы Манас баатырдын буюмдары менен каруу жарактарынын келүү кайнары жөнүндө талкуу», Турдубүбү Абдылданын «Манас» эпосундагы жоокердик курал-жарактар жөнүндө», Ырысбек Абдыкеримдин «Манас» эпосу жана кыргыздардын илим-техникалык кыймылдары», Жаркын Турсун кызынын «Манастын курал-жарактары жана кыргыздын темир эритүү, жасоо техникасы», географиялык билимдер тууралуу Сакен Өмүрдүн «Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө», Турдубүбү Абдылданын «Манас» эпосу менен байыркы жибек жолунун байланышы», согуштук-аскердик билимдер тууралуу Көчөр Семеттин «Манас» эпосундагы аскердик тартип ченемдер», Жамалай Жусуптун «Манас» эпосундагы согуш жана согуш эрежелери жөнүндө баян», Мамбет Аамат уулунун «Манас» эпосундагы согуш тактикалары», элдик медицина тууралуу Төлөгөн Сатардын «Манас» эпосундагы кыргыз эмчилиги» ж.б. макалаларды атап кетүүгө болот.

Ал эми жалпы теориялык-методологиялык таянычтары Анвар Байтурдун «Кыргыз тарыхы боюнча лекцияларында»[4], «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» деген эмгегинде тарыхый өңүттөн, Мамбеттурду Мамбетакундун китептеринде[5] фольклористика аспектисинен, ошол эле аалымдын Кайрат Токомбай менен бирге жазган «Кыргыз эл оозеки маданияты», филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду менен Шинжан педагогикалык университетинин окутуучусу Гүлбаар Кожеш кызынын «Кыргыздардын элдин ишеними жана коому», Эсен Айсанын «Байыркы кыргыз маданиятынан даректер» деген китептеринде маданияттаануу аспектисинен изилдөөгө алынган.

Жогорудагы макалалар жана эмгектер менен (А.Байтурдун жана М.Мамбетакундун бирден китебинен тышкары) Кыргызстандагы окурмандар гана эмес, манастаануучу жана фольклортаануучу илимпоздор да дээрлик тааныш эмес. Себеби: биринчиден, бул макалалар жана китептер жуңго кыргыздарынын арибинде басылган жана аны кыргызстандыктар окуй алышпайт; экинчиден, бул макалалардын көпчүлүгү 1994-жылдагы жана 2015-жылдыгы эл аралык талкуу жыйындын макалалары болгондуктан, алардын нускасы чектелүү.

Мына ушул «Манасты» ар тараптуу изилдөөдө, анын ичинде элдик билимдердин ордун белгилөөдө омоктуу жылыш жуңголук манастаануучулар Бээжинден Адыл Жуматурду жана Үрүмчүдөн Мамбеттурду Мамбетакун 2013-жылы Кытай өкмөтүнө сунуштаган «Манасты» универсал изилдөө» долбоору болду. Мына ошол долбоордун алкагында аалымдар кеңири изилдөөнү колго алышты, албетте, булардын ичинен «Манас» эпосундагы элдик билимдерди изилдөө фольклорист адабиятчылардын гана колунан келбейт, аны үчүн гуманитардык жана табигый, техникалык илимдердин өкүлдөрү да бул ишке тартылышы керек.

Биздин бул изилдөө этнопедагогикалык багытта болот. Этнопедагогика – элдик педагогика тууралуу илим. Ал эми элдик педагогика эки чоң багыттан турат: биринчиси, элдик салттар жана калктын түптөлгөн тажрыйбалары аркылуу тарбиялоо, б.а., элдик тарбиялык ыкмалар, жолдор, каражаттар; экинчиси, элдин салттуу билимдери жана эмпирикалык тажрыйбалары аркылуу балдарды, жаштарды үйрөтүү, б.а., элдик билимдер.

Биз бул эмгекте мына ушунун ичинен экинчи багыттын «Манас» эпосундагы көрүнүштөрү боюнча сөз кылабыз.

Ар кандай эле эл күнүмдүк тиричилигинде кандайдыр бир билимдерге жана тажрыйбаларга таянып жашайт, ансыз алардын оокаты тыңгылыктуу өтпөйт, кийинки муундарга мурастап калтырар нерселери жок болуп калат. Элдик педагогикага аныктама берүүдө Г.Н.Волков анын бир тутуму «тарбия жаатындагы элдик эмпирикалык билимдер» экендигин айтат. А.Э.Измайлов да «муундан муунга оозеки формада берилген тажрыйбада топтолгон жана тастыкталган эмпирикалык билимдер, көндүмдөр жана ыкмалар» деп белгилейт. Я.И.Ханбиков да «эл массасынын эмпирикалык педагогикалык билимдеринин жана тажрыйбасынын алкагы» деген аныктамасын берет. «Эмпирика» деген сөз грек тилинен алынган, бизче «тажрыйбалык», «тажрыйбага негизделген» деген маанилерди. Мында алынган маалыматтар, кабарлар элдин көп жылдык байкоолоруна жана тажрыйбаларына таянып гана жыйынтык чыгарылат. Мисалы, эртеңки күндүн аба ырайы кандай болушун илим (метрология) булуттардын көчүшүн, абанын нымдуулугун, шамалдын багытын ж.б. табияттын көрүнүшүн анализдеп, илимий жактан ар кандай аспаптар, анын ичинде космосто жүргөн спутниктерден алынган маалыматтар менен текшерип, анан кийин айтат. Ал эми элден чыккан айрым адамдар Күндүн кандай батышын, шамалдын кайсыл жактан келип жатышын, канаттуу куштардын учушун, курт-кумурскалардын тиричилигин, өзүнүн дене-боюнун абалын байкап туруп, анан мындай же тигиндей болот деп айтып берет. Буга алардын көп жылдык байкоолору, табыркалары, элден уккан сөздөрү кепил болот. Адамдын оорусунун дарт белгисин илимий медицина ар кандай анализдерди алып, аппараттарга салып аныктаса, элдик дарыгерлер оорулуунун көзүн, алаканын карап, тамырын кармап, ооруган жерлерин укалап көрүп дартын аныктап, ошого жараша мүнөздөп тамак берип, же күчтүү тамак берип, же дагы башка жолдор, мисалы, чөптөрдү ичирип, майларды сүртүп ж.б. ыкмалар менен айыктырышкан. Мына ушулар элдик эмпирикалык билимдер катары каралат, алар али толук илимий жактан текшерилген билимдер эмес.

Кыргыздарда да элдик эмпирикалык билимдер аябай көп тармактуу болгон. Алардын айрымдары төмөнкү сүрөттөрдө берилди. Аларды «салт билимдери», «салттуу билимдер» дейбиз. «Салттуу билим жергиликтүү элдин узак мезгил ичинде күткөн турмуштук тажрыйбасына байланышкан, муундан муунга өткөн, адамдын өзүн курчаган табигый жана коомдук чөйрө менен мамилесин жөнгө салган, негизинен оозеки түрдө жашап келген, илимден тыш билимдерин, ишенимдерин, адаттарын, ой-түшүнүктөрүн камтыйт», – деп жазат философиянын доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшов[6]. Бул жерде белгиленгендей салттуу билим:

  • жергиликтүү элдин билими;
  • узак жылдардан калыптанган билим;
  • турмуштук тажрыйба менен байланышкан билим;
  • муундан муунга өткөн билим;
  • адамдын өзүн курчаган табигый жана коомдук чөйрө менен мамилесин жөнгө салган билим;
  • негизинен оозеки түрдө пайдаланылган билим;
  • элдин илимден тыш билимдерин, ишенимдерин, адаттарын, ой-түшүнүктөрүн камтыган билим.
  • Ал билимдер көп тармактуу жана көп багыттуу.

Айрымдарын карап көрөлү.

Кыргыздардын эмпирикалык билимдеринин тармактары

(уландысы)

Эми ошолордун айрымдарын өз-өзүнчө карап көрөлү.

[1] Айтматов Ч. Асман жана сөз // «Манас» Саякбай энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында.

– Б.: «Принт Экспресс». – 2016. – 8-б.

[2] Ибраимов К. «Манас» эпопеясы – кыргыз элинин рухий феномени // «Манас» Ааламы: манастаануу-фольклортаануу илимий журналы. – 2016. – №1. – 130-б.

[3] Уэлиханов Ш.Ш. Таңдалмалар. – Алматы, «Жазушы», 1985. – 596 б.

[4] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б. Бийиктик, 2003. – 346 б.

[5] Мамбеттурду Мамбетакун. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык. – Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 1998.; Mambetakun, Mambetturdu – Salk, Gundula, «The Fu-Yu Gпrgпz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China». In: Turcica 30 (1998), pp. 287-296.; Мамбетакун М. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык. Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган Чолпон Субакожоева. – Б.: «Нур-Ас», 2014. – 319 б.; Мамбетакун М. Кыргыз эл ооз адабиятынын Памир мектеби: [Текст] / М.Мамбетакун. – Үрүмчү, 2009. – 347 б.

[6] Бөкөшов Ж. Салттуу билимге салабат мамиле. Кириш сөз

https://sites.google.com/site/asyafelsefemerkez/hocalarimiz/camgrbek-bokosov/ makaleler/ salttuu-bilimge-salabat-mamile

КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ ДАРЫГЕРЧИЛИГИ

Элдик эмпирикалык билимдердин ичинен кыргыздардын турмуш-тиричилигинде дарыгерчиликтин орду өзгөчө болгон. Себеби тынымсыз кайталанып турган уруштар, чабыштар, тоо шартындагы климаттын оордугу, аңчылыктыктын азап-тозогу дени сак адамдардын болушун талап кылган. Азыр эл аралык терминологияда «медицина» деген сөз колдонулат, ал эми ошол сөздү фарсий, түркий тилдүү элдер «тиб» деп аташат, ошол илимдин негиз салуучуларынын бири Ибн Сина (980-1037) Бухарада туулуп, көп жерлерди кыдырган, ошол кыдырган жерлеринин ичинде биздин азыркы аймактар да болушу мүмкүн. Ал «Урджуса фит-тиб» деген чыгармасын жазат, бизчеге которгондо, «Медицина тууралуу поэма», мына ошондогу «тиб» сөзү биздин тилдеги «тап» сөзүнөн келип чыккандай. Бизде элдик медицинаны «тап илими» деп айтышат, «тап» деген кадимки эле «ооруну табуу», «дарт белгисин аныктоо» дегендер менен байланышат.

Тап билимдери башка элдер сыяктуу эле кыргыздардын эң эскиден колдонулуп келген жана азыр да эл арасында пайдаланылып жүргөн билимдеринен.

Г.Ботоканова кыргыз элинин салттуу медицинасы колдонулган жалпы ооруларды, дарттарды төмөндөгүдөй типтерге ажыратат:

  • төрөө жана аял оорулары;
  • балдар оорулары;
  • сезгенүү оорулары;
  • муун жана кол аяк оорулары;
  • ичеги-карын оорулары;
  • өпкө оорулары;
  • баш оорулары;
  • тери-шишик оорулары;
  • келте, кара тумоо (тиф);
  • безгек калтыратма (малярия);
  • ички оорулары;
  • көз оорулары;
  • тиш оорулары;
  • кара жама (цынга);
  • тамак ооруулары;
  • жылан жана кара курт чагуу;
  • суук тийүү;
  • сынуулар, ордунан чыгуулар;
  • шал оорулары;
  • жин оорулары;• талма (эпилепсия)[1].

Демек, элдик медицинанын колдонулуш чөйрөсү, таасир этүү шыпасы абдан кеңири экендигин көрөбүз.

Илимий медицина адистерин бир нечеге ажыраткан сыяктуу эле элдик дарыгерлер да: бакшылар, эмчилер, домчулар, дубаналар, табыптар, канчылар, тилмечилер, кайрычулар, тамырчылар, сыныкчылар, таңыкчылар, кыбачылар, дарымчылар, түкүрчүлөр, учукчулар, куучулар, умайлар, бүбүлөр, аначылар, бадикчилер, кааруучулар, көчөтчүлөр, касыйдачылар, чилжаасынчылар, демчилер, киндик энелер, айтымчылар, албынчылар, укалоочулар, киренечилер, төлгөөчүлөр, далычылар, бүркчүлөр, сүннөтчүлөр ж.б. болуп бир нечеге ажыраган.

Алардын оорулууну дарылоо технологиялары:

  • картык менен кан алуу;
  • сүлүк менен кан сордуруу;
  • кандын агышын курмушу кийиз күйгүзүп басуу;
  • адамдын ыраң-башын карап дарт белгисин коюу;
  • сынган жерди таңып шак-шактоо;
  • денеде туруп калган жебенин сыныгын же окту аштарлоо;
  • денеде туруп калган жебенин сыныгын же окту кайсыл жерде экенин билүү үчүн жана копшутуп сууруп чыгуу үчүн тинтүүр жиберүү;
  • дене суугун кара буу менен чыгаруу;
  • ысыктап кеткен адамга карандай суу ичирүү;
  • ысыктап кеткен кишиге кордо ичирүү;
  • жеңил тамак менен мүнөздөө;
  • оңко менен бузук кандарды сордуруу;
  • суук тийген адамды териге алуу;
  • суук өткөн адамды жылуу булактарга киринтүү;
  • суук өткөн адамды ысык кумга көмүү;
  • суу өткөн адамды бууга отургузуу;
  • суукка байымдуу болсун деп наристени адырашманга киринтүү;
  • суукка байымдуу болсун деп наристени тузга ки-ринтүү;
  • суукка калган адамды ар кандай күчтүү тамак-аш менен ысыктоо;
  • оору жерлерди, уюган жерлерди ушалоо;
  • уу кирген жерди соруп, түкүрүп таштоо;
  • сөөгү сынгандарга мумияны эзип ичирүү;
  • чөптөр менен буулоо;
  • оору кишиге муздак суу чачып чочутуп учуктоо;
  • бетке, мурунга чыккан тилмени устаранын учу же наштар менен чегип, шүүшүн чыгаруу;
  • каны бузулган адамдын канын уйдун мүйүзүнөн жасалган кортык менен алып тазалоо;
  • албын болуп түтөк басканда талкан, өрүк-мейиз жыттатуу;
  • ириңди төөнүн жүнү менен сордуртуу;
  • көз жара чыкканда мант байлоо;
  • жер ороого салуу;
  • очок ороого салуу;
  • суу ороого салуу;
  • курандын аяттарын окуп дем салуу, чылжаасын кылуу ж.б.

Элдик дарыгерлер колдонгон дары-дармектер: чөптөр, суулар, жаныбарлардын эти, өтү, майы, териси, таштар, топурак, кесек, куран аяттары ж.б. болгон.

Күрөө тамырды кармап оорунун «ысык» же «суук» экенин аныктоо негизги ыкмалардан болуп, ооруларды «ысык оору» жана «суук оору» деп экиге бөлгөн. «Ысык ооруда»: тамакка табит тартпай, ысытмалайт, тамырдын кагышы тездеп калат. «Суук ооруда»: тамакка табит тартпайт, чыйрыгат, тамыр акырыныраак кагат. Адамдарды да «ысыкчандар» жана «суукчандар» деп бөлүп, ал нерсе тукум кууйт деп эсептешкен жана ошого карап дарылашкан.

Адамдын организмин чыңдоо кыргыз элдик дарыгерчилигинде кеңири колдонулган, аны атайын дарыгер адамдар гана эмес, ар бир үй-бүлө мүчөлөрү билген, алар: баглан козунун, тайдын, эрмен жеген эчкинин жаңы союлган эти, саамал кымыз, туу калган бээнин казы-картасы, чучук, жазында сүр эт, кышында сары май салынган эзилген курут ж.б. Мисалы, «суугу» ашып кетсе, күчтүү тамак: койдун, топоздун, жылкынын этин жана майларын, сары май, жылкынын, койдун, топоздун сүтүн, кымыз, таруу жарма жана таруу бозо берген, «ысыгы» өтө ашып кетсе, тузсуз дак суу, атала, кордо сунуш кылган, бир аз дурус болгондо тузу аз салынган кайнатылган күрүч, сулуу, айран, жуурат, сүзмө, эчки эти берилген. Андан соң орто тамактарга (уйдун жана төөнүн кайнатылган эти, уйдун, төөнүн, эчкинин сүтү, быштак, арпанын жана жүгөрүнүн бозосу) өткөрүшкөн.

Мына ушул процесстин баары тамырчылардын көзөмөлүндө жүргүзүлгөн жана алар оорулуу тамак эрежесин бузуп койсо дароо эле билип койгон.

Жогорудагы «ысык оору» жана «суук оору» дегенден тышкары да «чарбысын» же «сүзөк» оору дегендер болгон.

Ал өтүшүп кеткен, же адамдын денине биротоло байырлап алган өнөкөт дарттар. Буларды дарылоо узакка созулган.

Кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулу тамыр кармоо түрлөрүн мындай бөлөт[2]: ысык; суук, чарбысын. Ысык кан тамыр үчкө бөлүнөт: тубаса ысык; сөөк жана катык күйгөн ысык; ысык жел. Суук тамыр үчкө бөлүнөт: тубаса сууктук, ашынган сууктук (оорулуу); жел капты тамыр (оорулуу). Тамыр кармаган мыкты табыптар адамдын бүткүл организми, оору-сыркоосу тамыр менен байланышкандыгын так ажырата алышкан.

Эң негизги нерсе – таза аба, суу жана азыктар деп эсептелип, элдер ошого карай булактарды, жайлоолорду тандап көчүп-конгон. Манас баатырга айбалта тийип, арка моюн арасы кабылдап турганда Бакай:

«Муздактын башы муз жайлоо,

Ошондо бурулбай кетчи, Каныкей,

Салкын жайга кончу эми»[3], – деп кеңеш берет.

«Жусуп Мамайдын «Манасы» – кыргыз акылынын түйүнчөгү» (М.Өмүрбай) болгондой эле, эл акылы, билими кайра ошол эл тарабынан бул улуу мураска толтурулган.

«Манас» дастанында элдик хирургия сыяктуу эмпирикалык билимдер болгондугу айтылат. Мисалы, аштар деген курал менен жараны, ириңдеген жерди тилип, тазаласа, картык менен бузулган канды сордуруп таштаган, тинтүүр деген аспап менен жаанын огунун, же найзанын денеде калган сыныгынын кайсыл жерде жатканын аныктап, аны копшутуп отуруп ордунан чыгарып алган. Эгер денедеги ок чыкпай калса, ал адамга ок жуткуруп окшутуп, шимшүүр менен копшошуп, акырындап тилип алышкан. Айкөл Манас жараланып, адам болбой калганда Каракожо деген табып, азыркыча айтканда, хирург, анын денесинен бир топ жаанын огун чыгарып алат. Анын ыкмасы мындай экен: кийиктин чаарчыгынын этин алат, ага бал аралаштырат, анан абдан бышырат. Бул рецеби менен бышырылган шорпону жана этин аз-аздап Манаска ичирет жана жедирет.

Жоокерчилик заманда согуш талаасында буту сынган жарадарларга теректерден челек кылып чабышып, шакшак жасашкан да, урушка кайра кирип кете беришкен.

«Манас» дастанында ооруп калган жоокерлерди мээр чөп, уулжан, улжемил (оржемил), ийсен, жуушаң, апийим, ат кулак, четин, балтыркан, ак тикен ж.б. дары чөптөр, асмандан түшкөн темирден (метеорит) жасалган кантемир, кашкулактын жана кажырдын өтү, мумия, апы (үпү), кырма кызыл дары, кайнатма кара дары же кара дары же кашкардын кара дарысы, медет, себеп, жот дары, искеме дары, ак дары, барпы, чар дары, ж.б. дарылар менен айыктырып алышкандыгы тууралуу айтылат. Оржемил деген дарысын Жутуп алды баарысын.

Аккан каны басылып,

Айнектей көзү ачылып[4][5], – деп айтканга караганда оржемил кан акканда токтотуучу дары болгон.

Ал эми азыркы элдик табып Д.Чомо уулу оржемил же уулжан ооруну басуучу, кан токтотуучу касиетке ээ, көп жылдык, жапайы өсүмдүк болуп, жыты өзгөчө билинип турат, ал кан токтотуп гана калбастан, ички органдарды да айыктырууда ушул кезге чейин колдонулуп келе жаткандыгын айтат[6].

Манас жараланып, жарасы улам ырбап жатканда Каныкей Үзүктөй калпак эр Шуутуну Мысыр менен Багдатка жиберип:

«Үпү» деген бир дары,

«Апы» деген бир дары,

Төмөнкү кең Мысырдан алдырды.

Баякы берен катын Каныкей

Медийнаны чалдырып,

Мындан дары алдырып,

Желпиништи чалдырып,

Жеңекең мындан дары алдырып,

Кайнатма кара дарыдан

Баягы кайран катын Каныкей

Жарасына салды эми.

Ар чириктин баарысын Кузгундатып тептирип, Тышынан сууруп алды эми. Кырма кызыл дарыны

Жеңең ичинен баса берди эми.

Ошондо ооруган жери басылып,

Кабылан султан каныңдын

Умачтай көзү ачылып,

Кубаттанып тирденип,

Ошондо, курган төрө ирденип[7], кайра Таласка көчүп кетүүгө жарайт.

Күлчоро жараланып ооруп калганда аяш ата Момунжан келет, биринчи жолу берген дарысы – ээн шаардан алдырган кошмо кызыл дары, ага болгон жок; экинчиси – «эбеп», «себеп» деген бир бергенде ооруган жерлери басылган, экинчи бергенде умачтай көзү ачылган дары, ага да болбоду; андан кийинкиси – «апы-үпү» деген дары, мында да болгон жок. Демек, Күлчоронун дарты оор, адамда жок дарт. Аны Кыяз менен Канчоро ошого алып барган. Анан ойлонуп-ойлонуп туруп, камбыр Момунжан акыркы медициналык жардамын сунуш кылат:

Күн кылкылдап батканда,

Элдин алды жатканда,

Көнөчөк баштуу көк даңгыт

Көк жалдан калган ит экен,

Улуп-уңшуп күйчү экен,

Баана кылып чорону

Байкушуң ээрчип жүрчү экен.

Баатырдан калган көк даңгыт,

Баса калып Момунжан

Көк даңгытты сойду эми, Кесип алып кечирин Күлчорого салды эми.

Кылдат экен Момунжан

Күлчоронун далыга

Ит кечирин эп кыйып,

Кырма кызыл дарыны

Кырк жол сыйпап салганда,

Кайнатма кара дарыны

Канча жол сыйпап салганда,

Ата байкуш чоронун Ооруган жери басылды, Умаштай көзү ачылды.

Денеге чуркап кан толуп, Кайраты ашар күн болуп. Ай бөксөрүп, түн өтүп.

Арадан эчен күн өтүп,

Кубат кайнап, күч толду

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 91-б.).

Момунжандын фармацевтик билими өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардын органдарынан дары жасоого багытталган, ошондой эле ал жаныбарлардын органдарын (кечил) адамга трансплатациялай жана ошол жерди дарыдамек менен калыбына келтире билет.

Жогорудагы чар дары тууралуу Г.Ботоканова мындай деп жазат: «…бул дары бир канча өсүмдүктүн топтомунан даярдалат, ошондой эле кайнатмага башка дары чөптөрдүн тамырлары кошулуп даярдалган аралашманы ичирүү менен дарылашкан. Эгер оору дарылоого мүмкүн болбогон «чарбысын оору» же «сузак оору» деген өнөкөт ооруга айланып кеткен учурда табыптар чар дары менен дарылашкан. Бул дары өсүмдүк элдик оозеки чыгармачылыкта гана айтылып, сакталып калган жана изилдөөнү талап кылат»[8].

«Илимий деңгээлдеги хирургия кыргыз табыптарына тааныш эмес болгон, ал тургай алар асептика (медициналык инструменттер менен жабдыктарда стрилизациялоо методу) жана антисептика (атайын каражаттар менен жугуштуу жараларды жуктурбоо үчүн алдын алган метод) тууралуу эч нерсе билишкен эмес, ошондой болсо да ачык жана жабык мүнөздөгү сыныктар учурунда кыргыз табыптары жараатка чалдыккан жумшак ткандардан аккан канды күйгөн кийиз менен токтотуунун өзгөчө ыкмасын билишкен», – деп изилдөөчү Н.Тентигул кызы, андан ары «Манаста» Жолойдун жаагынан кызыл суу болуп кан агып жатканда жолом үйдөн кийизди кыйып келип эки жолу жабыштырганда кан токтогонун жазат[9].

Демек, элдин эмпирикалык медициналык билими болгон, алар манасчылар аркылуу сакталып калган. Бирок алардын айрымдарын жасоонун жана колдонуунун технологиялары алиге ачылбай келет.

Жусуп Мамайдын вариантында Семетей жоо колунан жараланып, чокмор жеп кыйналып жатканда кары Бакай төмөнкүдөй медициналык иш аракеттерди аткартат:

Биринчи ыкма: Кара кулак шер этке,

Кандыра эки тойгузган (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Экинчи ыкма: Арак менен жуудурган (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Үчүнчү ыкма: Аруу менен буудурган (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Төртүнчү ыкма: Тарамышын аркардын, Майда туурап кууруткан.

Сарымсак менен согонго,

Чылап тууруп сугунткан (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Бешинчи ыкма: Кырма кызыл дарыны,

Ичинен берген күчтүүлөп (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Алтынчы ыкма: Кайнатма кара дарыны,

Тышынан чапкан эптүүлөп (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Мына ушундай татаал, комплекстүү медициналык процедуралардан кийин Семетейдин тал-тал кетип бөлүнгөн эти биригет, сөөгү ооруп сыздабай, эти чирип суу акпай айыгат, ал гана эмес душмандар менен кайра салгылашуу үчүн камынып, өрөпкүп ашыгып, жоо жарагын бүт алып, Тайбурулга минет (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Семетей менен жоого аттангандардын бири Керимбай өз жанынан тирүүлөй үмүт үзүп, эртең кетет деп турганда «Көк ташка кошуп күчала, майга ачытып ичти эле» (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 111) «боор, бөйрөк эзилип, курсагынан кызыл кан агып» дароо кете берди, демек, ал сөөгүн бөтөн жерде калтырбоо үчүн уу ичүүгө мажбур болду.

Элдик медицина адамдарды гана эмес, алардын минген аттарын дарылоодо да чоң мааниге ээ экендиги «Манас» эпосунун көптөгөн эпизоддорунда айтылат. Мисалы, калмактын Шыпшайдар мергенинин уулу Кожожаш урушта Семетейдин минген аты Тайбуурулду бутка атат. Ошондо Бакай табыпкерлик кылып мындай дарылайт:

Тайбуурулдун шыйрагын, Булум менен чырмады.

Чиритпей өзү сактайт деп,

Алтындан шакшак кылганы

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 180).

Демек, мында булум, алтын шакшак – элдик дарылоо каражаттары.

«Манастагы» элдик билимдер, анын ичинде медициналык маалыматтар тажрыйбанын негизинде гана топтолбостон, жазма адабият аркылуу да таркатылган билимдер менен айкалыштырылгандыгын тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин айтып келип, оюн төмөнкүдөй бекемдөөгө аракет кылат: «Маселен, дастандын «Манас» бөлүмүндө мындайча саптар учурайт:

Жамгырчы менен Балта дөө,

«Ыстырлаптын» китебин

Жакшы билет ал экөө…[10]

Мындагы «Ыстырлап» – бул орто кылымдагы математикалык-астрономиялык илимий тармактарда колдонулган астролябия аспаптары тууралуу илимий китептерди туюнтат»[11]. Ушуга караганда жана эпостун тексттин кылдат изилдеп чыкканда кыргыздар жана алар менен канаатташ жашаган калктар, кыргыздардын ар кыл душмандары илим-билимди ар түрдүү жазма булактардан, илимий мектептерден алып турган. Булардын ичинде медициналык билимдер  да болгон.

Айталык, XI кылымга таандык Махмуд Кашгари-Барсканинин «Девону лугатит түрк» деген сөздүгүндө түрк тайпаларында колдонулган элдик медицинага таандык 70 сөзгө аныктама берилет[12]. «Табып» деген сөзгө маанилеш «эмчи», «отачи», «атасагун» деген сөздөр колдонулат, оорулууну «сугал», дары-дармекти «от», ооруну «иг» деп жазган. «Эгит», «ибрук» (сүттөн жасалган дары), «урумдай» (ууга каршы таш), «кузлук» (көз оорунун дарысы), «эгир (ашказан оорусун баса турган өсүмдүк), «чурни» (ашказанды тазалай турган дары) тууралуу айтылат. Сөздүктө «кортук», «корук», «соргу» деген аспаптар аркылуу кан алынары, бузулган кан сордурулары белгиленет. «Сазинчи тиши» (гипс), «бэлик» (жараттын тереңдигин өлчөй турган созмо инструмент), «аркачук» (дарыны жараттын терең жерине түртүп киргизүүчү инструмент) ж.б. медициналык аспаптар тууралуу маалыматтар бар. Мына ошолорду миң жыл мурда эле түрк элдери, алардын ичинде кыргыздар колдонуп келгендиги жазма булакта факт катары кагазга түшүрүлүп калгандыгы элибиздин медициналык билими узак кылымдардан бери эле колдонулуп келе жаткандыгын айгинелет.

Кыргыз элинин ден соолугунун чың болушунда кымыздын орду өзгөчө болгон. Кыргыздар жапайы жылкыларды колго үйрөтүп, алардын ургаачыларын саап, кулундарды желеге байлап, саалган сүттү ачытып, сабаа жасап, чаначка куюп, бишкек менен бышырып, дарылык касиетке алып келип, анан суусундук катары да, тамак катары да, дары катары да пайдалана билген. Кымыз ички дене бөлүктөрүнө өзгөчө таасир эткен: ичи өтсө – катырган, ичи катса – жумшарткан, ичтейди ачып, табитти жогорулаткан. Азыркы илимий медицина ал тууралуу мындай корутунду чыгарат: «Бээнин сүтүндө белок башка малдыкынан 1,5-2 эсеге аз. А бирок адамга эң эле пайдалуу альбумин белогу уйдун сүтүнө караганда үч эсеге көп. Бээнин сүтүндөгү бул белок ашказанга барары менен канга тез эле сиңип кетет, ал эми уйдун сүтүндөгү казейин деген белок көп саатта сиңет, топ-топ болуп тура берет. Ошондуктан уйдун сүтүндөгү белок, май организмге оор болгондуктан, аны эки эсеге түшүрүп нормалдаштырып туруп, анан дүкөндөргө чыгарып атпайбы. Уйдун, койдун сүтүнүн быштак (сыр) болушу да ошого байланыштуу. Бээ сүтүнөн быштак (сыр) эч качан болбойт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкынан 2-2,5 эсеге аз жана өтө пайдалуу. Йоддун саны өтө жогору – 95-100%, уй сүтүндө – 25-30%. Эрүү точкасы – 20-22 градус, уйдуку – 34-36 градус. Ошондуктан бээнин сүтүндөгү май шарикчелери ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып, пайдалуу холестеринге айланат.

Бээнин сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы – сүттө кант же лактоза таттуулугу көп болуп, кымыз болуп ачыганда спиртке айланат. Жазгы жаш кымызда 2-3, ал эми күзгү же көп турган кымызда 4,5-5%га чейин жетип, кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жардам берет. Бээнин сүтү негизинен бардык эле убакта пайдалуу, айрыкча жаз мезгилинде чөп күчүнө кире электе, бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымыз да жеңил келип, кан тамыр басымын жогорулатпай, айрыкча боор, бөйрөк, өпкө, өт, ашказандын иштешине өтө оң таасирин берет.

Кечирээк, июлдун экинчи жарымынан тартып, үркөр чыгып, чөп бышып, баш алып, мал семирип, сүт сөөктөн чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, айрыкча кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт»[13].

Кымызды дары катары колдонуу үчүн бээлердин оттогон жерлерин иче турган адамдын дартына карата тандашкан. Көөдө, бетеге жеген бээнин сүтү өзгөчө күчтүү эсептелген, жылкылар дары чөптөрдү издеп таап, жеп, аларды ички аппаратында иштеп чыгып, сүткө айландырган.

Элдик дарыгер Д.Чомоев мындай деп жазат: «Бээнин сүтү бул иммунитетти көтөрүүгө, жалпы эле тери оорусуна, кызыл жүгүрүккө, сөөк-муун оорусуна, ички органдарга, өт, боор, ичеги-ашказан, бөйрөк, жоон ичегилерге суук өткөн жеңил оорусуна, уйку без, нерв ооруларына ичсе жагымдуу. Эң негизгиси бейтап бээнин сүтүн кайсы маалда, кантип ичүү керек экенин билип, анан ичүүсү зарыл. Жогорудагы аты аталган оорулардын алдын алып, саламаттуулугун сактап калыш үчүн ичсе болот. Эскерте кетсек, ашынган  ооруга жардам бербейт. Мисалы: ички, тышкы жараларга (язвага), геморройго, киста, миомага, панкреатит, боор, цирроз, рак ооруларынын бардык түрүнө  бээнин сүтүн ичүүгө болбойт. Себеби, ал жараны эзип, ылжыратат. Ошондой эле ичти бир канча күн алып, ооруну козгойт…», «Ден соолугу тазаларга эмес, бейтаптардын эсине сала кетсек «Кымыз кырк жылдык ооруну козгойт». Дагы бир эске салуучу сөз, кымыздын дарылык касиети үркөр чыгып, чөп каткыча жагымдуу болот. Үркөр чыккандан кийин чөп күчүнө кирип, дан алып калгандан кийин оорукчан адамга бээнин сүтү да, кымызы да күчтүүлүк кылып, адамга жагымы болбойт»[14]. Демек, бээнин сүтүн дарылыкка ичүү мезгили ар жердин шартына карата бир жылда кырк күнгө чейин гана болгон.

Кымыз сыяктуу эле бозону да дарычылыкка пайдаланган. «Манас» эпосунда анын буудай бозо, арпа бозо, конок бозо, таруу бозо, маш бозо, кордо бозо, торгой көз бозо, жоро бозо деген түрлөрү тууралуу айтылат. «Бозо деген аш экен, боз куурайдын башы экен» деп аны дандан жасап, ачытып, күнүнө азыраактан ичирип, денедеги суукту айдап чыккан, ашказандын аш сиңимдүүлүгүндө, майды азайтууда колдонулган.

Батма Айсабек кызынын маалыматы боюнча[15], XX кылымдын башында Германиядан келген жерказарлар Турпандан табыпчылыкка байланыштуу материалдарды тапкан, алардын ичинде «кекилик өтүн кургатып, мусалдасга же бозого кошуп ичирсе, көрбөс болуп калгандар көрүп кетери», деми сыгылгандардын дартына да даба болору жазылган экен.

Бозону азыр да кыргыздар айылдарда болсун, шаарларда болсун, каны азайып кеткендерге ичирип жүрүшөт.

Кыргыздар этти да тамак-аш катары гана эмес, организмин чыңдоо, катаал климаттык шартка байым берүү үчүн колдонгон. Бээнин кымызы гана эмес, анын эти да кыргыздар үчүн баа жеткис азык-оокат болгон.

Семетей баатырлар менен кошо жоого аттанарда:

Жайылган жылкы ичинен, Кысырдан ылгап тандады.

Кысыр калып туу болгон,

Толтуруп майга жык толгон,

Тору бээни жайлады

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 5).

Себеби жоого аттанар алдынан жигиттер күч топтоп, душман менен салгылашууга рухий жактан гана эмес, дене-күч жактан да даяр болуш керек. Мына ошол күч топтоодо кысыр калып туу болгон тору бээнин эти, майы, казы-картасы, чучугу, жалы өзгөчө кубаттуу азык катары эсептелген.

Семетей таятасынын жери Букардан Таласка келип туулган жерин көргөндө кысыр эмди тай союлат (СК).

Эпостун текстин карап келгенде согуш жок жай кездерде:

Бээни байлап салышып, Кысырык тандап союшуп…

…Күндө тандап тай союп,

Ага кошуп кой союп

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 244), – жыргал күндө жашап калышат.

Азыркы дүйнөлүк медицина ар кандай дары-дармектерди сыноодо жана адамдардын организмине ылайыктоодо, анан массалык түрдө өндүрүштөн чыгарууда Европадагы жана АКШдагы кишилердин организминин өзгөчөлүктөрүн эске алат, ал эми кыргыздардын денебою, ички жана тышкы органдары алардан айырмаланат. Мисалы, бийик тоо шартындагы кыргыз улутунун адамдары кечинде күчтүү тамак, айталык, кой этин жана ага жасалган беш бармак жеп кадимкидей уктап кете берет, керек болсо бир чыны сары майды да ичип алат. А мындай тамакты жатарда ичүү батыштан келген коноктордун түшүнө да кирбейт. Кыргыздар дале тамак сиңдирүүнүн, жегенин аш кылуунун ондогон технологияларын иштеп чыккан. Мисалы, күчтүү тамак менен кымызды кошо ичүү, күчтүү тамактан соң шорпого суу кошуп кара дөң кылып ичүү, кымыз кошуп ак серке кылып ичүү, тамак сиңдирүүчү ар кандай чөп-чарларды демдеп ичүү ж.б.

Кыргыз элинде «мейман чыгыш» деген бир салт бар, ага ылайык жатар алдында үй ичинде коно турган коноктор сыртка чыгат, буту-колун жазып, таза абада арыбери басат, мындай кылууда, биринчиден, үй ичи бир аз желдейт, ошол эле кезде, экинчиден, адамда нормалдуу уйку үчүн даярдык болот. «Мейман чыгыш» – эчен кылым бою кыргыздар арасында сыноодон өткөн, элдик билимдер тарабынан пайдасы тастыкталган жөрөлгө.

Элдик дарыгерлердин дарылоо каражаттары жана ыкмалары абдан бай жана көп түрдүү болгон:

Эгер кан басымы жогорулап кеткен, же ысыгы ашып кеткен оорулуу болсо, кордо, атала, жарма, чабаты, жупка, айрандын сары суусун, бозунач, кийикот, көк чай ж.б. сунушташкан.

Элдик дарыгерлер көч бадик, чакалай, эшек жем, кирине, тепме, тирсек, чанчнак, таңдай, учук, ооз оюлуу, кулакка эн түшүү, тең, коночо ж.б. ооруларды эмдешкен, учукташкан.

Денеге бадыракай болуп бүдүр чыкса, аны «эшек жем» деп атап, ошол адамдын кийимине же этегине жем салып, барып эшекке жедирген.

Башына чакалай чыккан балдардын баш кийимине салып, эшекке жем берип, анан баш кийимин кайра балага кийгизип койгон.

Сук кирген балдарды киринелешкен, башы ооругандарды теңдешкен, миң тамырдын жалбырагын башына койгон,  аял төрөй албай кыйналып жатса куучуларды алып келген.

Коночо деген дартты эрте менен ач карын жети буудайдын даны менен үйлөп айыктырган.

Көк жөтөл дартына анардын кабыгын, улардын канатын койгон, же бөрү карагаттын ширесин ичирген.

Канаган жерге жылан чөп баскан.

Ичи өткөндө мекейир, ат кулактын бүрүн койгон.

Ичине суук өтсө эрмен ичиришкен.

Колго чыккан сөөлдү чегирткеге жегизген.

Бөйрөк ооруганга эңгилчек кайнатып берген.

Буту-кол суук тийип ооруганда чекенде койгон.

Муундарга суук тийгенде алтын тамыр пайдаланылган.

Боор, ашказан ооруларына ит мурундун ашы колдонулган.

Сыныкка мумия ичиришкен жана сыйпашкан.

Өпкөсү кагындаган кишилерди кашкулактын, суурдун эти, майы менен дарылашса, денедеги суукту жылындын шорпосу менен айдашкан.

Чыйкан, көбүргөн чыкканда, ашказандын жарасында бака жалбырак коюлат.

Баланын оозулунда уйгак тартылат.

Боорго төө таман коюлат.

Тери ооруларында чалкан тартылат

Ашказан оорусунда чычырканак колдонулат[16].

Кыргыздардын негизги дарылары табигый түрдө жаныбарлар, жаратылыш байлыктары жана өсүмдүктөр болгон. Өсүмдүктөрдөн алтын тамыр, ат кулак, адырашман, бал жууран, бүлдүркөн, бозунач, бака жалбырак, долоно, доңуз жечү, ит мурун, итуйгак, каакым (ала кокум), карандыз, кийик от, кожогат, көкө мерен, миң тамыр, тоо уйгак, уу коргошун, чалкан, чычырканак, эрмен кеңири колдонулган.

Алардын бизге чейин жеткен айрымдары (аларды ар түрдүү булактардан алып жыйнадык жана табыптардын кеңешисиз колдонууга болбойт деп эсептейбиз):

  • аш казан жарасында – бака жалбыракты;
  • аш казан ооруганда – сүттү;
  • аш казан оорусунда – чычырканакты;
  • ашказан оорусунда – чалканды;
  • ашказан түйүлгөндө – кара меңдубананы;
  • ашказан, ичегилерде – адырашманды;
  • ашказан, ичегилерде – аркак отту (кийик отту);
  • ашказан, ичегилерде – ат кулакты;
  • ашказан, ичегилерде – бозуначты;
  • ашказан, ичегилерде – көкөмеренди;
  • ашказан, ичегилерде – кызыл мыяны;
  • ашказан, ичегилерде – мамырыны;
  • ашказан, ичегилерде – сарындызды;
  • ашказан, ичегилерде – уу коргошунду;
  • ашказан, ичегилерде – эрменди;
  • баш катуу ооруганда – камгакты;
  • баш ооруганда – аккодолду;
  • баш ооруганда – арчаны;
  • баш ооруда – адырашманды;
  • баш ооруп, көңүл айныганда – кара меңдубананы;
  • башы ооруганда – кийик отту;
  • безгекте – адырашманды;
  • безгекте – чекендени;
  • боор ооруганда – чалканды;
  • боор ооруларында – ит мурунду;
  • боорго, аз кандуулукка – сайсагызганды;
  • боордо – аюу балтырканды;
  • боордо – өрүктү жана анын кагын;
  • бөйрөк ооруганда – буудайыкты;
  • бөйрөк, өт оорууларында – кожогатты;
  • бөйрөктө таш пайда болгондо – бозуначты;
  • бөйрөктөгү таштарды түшүрүүдө – ит мурунду;
  • бөйрөктөгү таштарды чыгарууда – каз таңдайды;
  • демиккенде – каз таңдайды;
  • жараттарда – адырашманды;
  • жараттарда (ашказандагы, ичегидеги) – бака жал-быракты;
  • жөтөлдө – камгакты;
  • жүрөк айланганда – жалбызды;
  • жүрөк оорусунда – балтырканды;
  • жүрөк-кан тамыр дартында – долонону;
  • жылан чакканда – буудайыктын тамырын;
  • заара туттукканда – бозуначты;
  • заара чыгарууда – ит уйгактын тамырын;
  • заара айдоодо – жалбызды;
  • иммунитетти көтөрүүдө – бай теректин ширесин;
  • иммунитетти көтөрүүдө – кымызды;
  • ириң чыгарууда – ит уйгактын тамырын;
  • ич катканда – уйдун сүтүн;
  • ич келтеде – карандызды, уу коргошунду;
  • ичеги курттарын түшүрүүдө – тоо жалбызын;
  • ичегиде – аюу балтырканды;
  • ичеги-карын ооруларында – бака жалбыракты;
  • ичеги-карын ооруларында – алтын тамырды;
  • ичтеги заңды айдап чыгарууда – ит уйгактын та-мырын;
  • ичтеги курттарды түшүрүүдө – эрменди;
  • ичтей ачылбай жатканда – каакымды;
  • ичтен кан кеткенде – чалканды;
  • кагында – бозуначты;
  • какырык чыгарууда – кызыл мыяны;
  • кан басымы жогору болгондо – уйгакты;
  • кан басымы жогорулаганда – бозуначты;
  • кан басымы жогорулаганда – көк чайды;
  • кан басымы көтөрүлгөндө – камгакты;
  • кан тамырын жөнгө салууда – сулуну;
  • кан токтотууда – балтырканды;
  • кан токтотууда – жаңгактын жалбырагын, маңызын;
  • канды тазалоодо – буудайыкты;
  • канды тазалоодо – согонду;
  • кан-тамыр ооруларында – балтырканды;
  • карасанда – адырашманды;
  • карасанда – жыланды;
  • котур оорусунда – эрмендин гүлү менен чалканды;
  • котурда – сарындыздын суусун;
  • котурда – чекенде;
  • көз жарада – көк ташты;
  • көз ооруганда – буудайыкты;
  • көз ооруларында – бака жалбыракты;
  • көздүн көрүүсүн жакшыртууда – кайноолуну;
  • көк жөтөлдө – адырашманды;
  • көк жөтөлдө – чалканды;
  • көтөн чучук ооруганда – бозуначты;
  • күйүктө – каакымды;
  • кулгунада – уу коргошунду;
  • күчаланы – күчтөндүрүүдө, алсыздыкты жоюуда;
  • куяңда – ак кодолду;
  • куяңда – кара меңдубананы;
  • кызамыкта – алма менен ит мурундун ширесин;
  • кызыл жүгүрүктө – адырашманды;
  • кызыл жүгүрүктө – ак кодолду;
  • кызыл жүгүрүктө – арашан булактарды;
  • кызыл жүгүрүктө – ит уйгактын тамырын;
  • кызыл жүгүрүктө – чалканды;
  • кычыткыда – жаңгак тундурмасын;
  • кычыткыда – чекенде;
  • кычыткыда – эрмен;
  • мурун канаганда – чалканды;
  • кан токтотууда – оржемилди (уулжанды);
  • өпкө ооруганда – буудайыкты;
  • өпкөнүн кара жөтөлүндө – аюу балтырканды;
  • өт, боор оорусунда – чалканды;
  • өттө таш пайда болгондо – бозуначты;
  • өттөгү таштарды түшүрүүдө – ит мурунду;
  • өттү тазалоодо – жалбызды;
  • сарыкта – бозуначты;
  • сасык тумоодо – арчаны;
  • сасык тумоологондо – согонду;
  • сергий албай жатканда – арча менен жуунууну;
  • сөөк, муун ооруларында – кара меңдубананы;
  • суук өткөндө – мар (эки баштуу) жыланды, боз келте жыланды;
  • суук тийгенде – бозуначты;
  • суук тийгенде – бөрү карагатты;
  • суук тийгенде – ит мурунду;
  • суук тийгенде – кара карагатты;
  • суук тийгенде – миң тамырды;
  • суук тийгенде – сулуну;
  • суук тийгенде – чекендени;
  • суусагандарга – сагызганды;
  • табарсык сезгенгенде – буудайыкты;
  • табарсыктагы таштарды түшүрүүдө – ит мурунду;
  • табарсыктагы таштарды чыгарууда – каз таңдайды;
  • тамак ооруганда – буудайыкты;
  • тамак сиңирүүдө – жалбызды;
  • тамак сиңирүүдө – каакымды;
  • темиреткиде – табылгынын суусун;
  • тер чыгарууда – ит уйгактын тамырын;
  • тери ооруларында – сулуну;
  • тиштердин эти оюлганда – шыбакты;
  • уйку безине суук тийгенде – эрменди;
  • уйкусуздукта – каакымды;
  • учук оорусунда – ит мурунду;
  • чарчоодо – долононун ашын;
  • чүчөктө – жаңгактын челдерин;
  • чыйканда – өрүк кактын кайнаган ширесин;
  • шакыйда – бадам майын;
  • шишиктерде – бака жалбыракты;
  • шишикти таратууда – каз таңдайды;
  • экземада – ит уйгактын тамырын ж.б.

Мындай этноботаникалык, этнозоологиялык эмпирикалык билимдер дары өсүмдүктөрүн, жаныбарлардын майларын, дене бөлүктөрүн кайсыл убакта, кандайча кылып жыйноо керектигин үйрөткөн жана ар бир айылда элдик фармакологдордун династиясын чыгарган.

Молдо Кылыч азыркы кыргыздар жердеп турган аймакты жалпысынан «Керме-Тоо» деп атап, андагы дары чөптөр тууралуу мындай ырдайт:

Байчечекей байрачан, Баа жетпес дарылар.

Уу коргошун, мамыры, Шараалжыны дагы бар. Артык дары ак кодол, Айта берсем баары бар.

Жалпы жандар, өсүмдүк,

Издегениң табалар…[17]

Кыргыздар сүт азыктарын, сары майды, этти кадимки дары катары колдогон учурлары көп болгон. Жоого, же алыскы сапарга чыкканда гүлазык камдап алган.

Биз бала кезде XX кылымдын 60-70-жылдарында Ош тараптагы адамдар саратан өтүп, ысыктын табы бир аз кайта түшкөндө, көбүнчө август айында Өзбек ССРинин Анжиан облусуна караган Ардай-Мөнөк деген жерлерге кумга барчу. Айтуудан кайсыл бир кытай ханынын жалгыз кызыбы, айтор белгилүү адам, катуу ооруп, ошого табыптар дары катары кайсыл бир чөлдүн кумун сунуш кылыптыр. Ошол кум ысыганда анын ысыгына жатышы керек экен. Кубат жана Мурат деген эки жигит төөлөргө жүктөп ал кумду батыштан чыгышка алып бара жатканда ушул жерге келгенде кыздын оо дүйнөгө кетип калгандыгы, эми кумдун кереги жоктугу тууралуу кабар келет. Анан ошондо Кубат-Мурат кеңешип туруп, ушул жерге – дөңсөөнүн түбүнө бардык кумун төгүп коёт. Оштон ары жыйырма чакырымдай жерге адамдар барып, эртелеп кумду ачып коюп, аябай ысыган кезде – сарт бешимде оронуп жата башташат. Ашказанды жана жүрөктү, башты көмбөйт. Ылымык чай гана ичип жата беришет. Топурак сымал майда кум денесине жабышып, денедеги суукту айдап чыгат, кимдин суугу көп болсо, чыдап жата берет. Асманда күн, айланасы таш тоолор, анан кум, мунун баары адамды көлкүтүп, эритип таштайт. Ошентип 3-4 күн жатат, бир жумадай муздак сууга кол салбайт, муздак ичпейт. Мына ошол кум эчендеген кылымдар бою эчендеген адамдардын дартына даба болуп келет.

Түштүк Кыргызстанда ушул кезде чейин сандал кеңири колдонулат. Аны жасоо үчүн адам отурган жердин астына жерди оюп, ошол оюкка өрүктүн, алманын же башка өсүмдүктүн чогу салынат, көмүр салып жүрүшөт, анан буттар ошол жакка сунулуп, тегерек чети кумтуланып жабылат. Үй-бүлө мүчөлөрү ошол сандал жакка бутту сунуп коюп, чай ичишкен, же сүйлөшүп отурган. Бул учурда бут жак ысып, адамдар нымшып тердеген да, денедеги суук айдалып чыккан. Сандал тууралуу жазуучу Мурза Гапаров мындай дейт: «Сандал түштүк кыргыздарда печкенин милдетин аткарган. Үйдүн ортосуна жерди кичине казандай кылып оюп, ага кыпкызыл өрүктүн чогун салат, анан ал чок тез өчпөс үчүн үстүнө төрт бурчтуу жапыс үстөл орнотулат. Ал үстөлдүн үстүнө дасторкон жайып, оокат ичсе да болот, оокаттан кийин аны төшөнчү менен жаап, сандалга бутту катып тегеренип жатса да болот. Ушундай сандал япондордо да бар. Аны орус котормочулары «жаровня» деп которуп жүрөт.

Биз ошол сандалды тегеректеп, үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек»[18].

Бир сандалга буттарын салып чоңойгон балдар ошол сандал тегеректеп бири-бири менен ымалалашып, кыргыздар айткандай «осурагы сиңишип», кийин чоңойгондо бири-бирине күйүмдүү, бири-бирине камкор болушкан.

Элдик дарыгерлер башында айткандай дарылоо өзгөчөлүгү, оорулуу жана аны көрүү, таасир этүү өзгөчөлүктөрүнө карата азыркы сөз менен айтканда шарттуу түрдө бир канча адистикке ажырайт:

Албынчы – бийик ашууларда, сырттарда адамды түтөк басканда аны айыктыруучу адамдар. «Албын» деген бул «кыз шайтан» болуп, ал кишини басып калып, андан кутулбай, дем ала албай, көгөрүп, түтөгүп өлөт дешет. Албынчы болгон кыз-келиндерди топтоп, түтөгүп аткан кишини ортого алып, тез темп менен уят сөздөрү катыштырып «Албын, албын, албынтай» деп баштап, анан эле бир жеринде оозго алгыс уят сөз айтып ийгенде отурган кыздар, келиндер каткырып күлүп ийген, ошол учурда тигил түтөгүп аткан киши да күлүп жиберип, түтөгү токтолгон. Булар да эл керегине жараган өзүнчө таланттар болгон.

Аначы – боюнда бар келин кара басып төрөй албай жатканда ага жардам берип, кара күчтөрдү кууп, бала тескери келсе, оңдоого аракет кылган, төрөттүн жеңил өтүшүнө жардам берген, азыркыча айтканда, акушер аял. Ал тажрыйбасы, элдик билимдери менен төрөткө көмөктөшөт. Кыргызда «Аначы кемпирге окшобой ары барчы», «Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур» деген сөз ошондон калган. Аначылар айыл-апада кадырлуу болуп, далай энелерди жана наристелерди өлүмдөн алып калууга себепкер болгон.

Бадикчи – дененин сыртына кызыл-кызыл болуп чечек чыгат, ошону «бадик» дешет. Бадикти денеден кууп чыгыш үчүн бадикчи «Көч, бадик, көч бадик» деп ал жакка көч, бул жакка көч деп отуруп, бадик ыры менен адамдын организимине таасир этип, оорулууну медитациялап, ишендирип, жаныгы кызыл чечектерди жок кылууга жетишет.

Бакшы – көбүнчө талмалууларды, илешкени барларды, жин ооруларын ортого отургузуп алып, өзү аны айланып чимирилип «үүйй, алла, үүйй» деп элди кыйкыртып коюп, жиндерин чакырып, машаяктардын, ата-бабалардын, мазар ээлеринин атын атып, алардан жардам сурап, оттон жана оорулуу кишиден секирип, аны камчы же чыбык менен ургулап, кызырган темирди тили менен жалап кеселдин талмасын, жин оорусун, илешкенин кууп чыгарат. Күчтүү бакшылар жанында турган адамдар көрө албаганды көрөт, тигил алдында ооруп турган кишиге кандай жин тийгенин табат, аябай экстазга киргенде өзүн унутуп коёт, бирөө жарым күлүп жиберсе чаап да иет. Бакшы оорулууну айланып, аны камчы менен чапкылап, таяк менен уруп, кепкир менен сылап-сыйпап, үйдү тегеренип отуруп-туруп, жүгүрүп, оозунан ак көбүгү чыгып, бул дүйнөнү унутуп, кандайдыр бир башка күчтөр менен транска кирет. Бакшылык өнөрдүн ислам дини менен тиешеси жок, ал өнөр адамдар жандуу жаратылышка: отко, сууга, ташка, мазарга ж.б. сыйынып жүргөн учурдан калган өнөр сыяктанат. Алардын өнөрү динди үгүттөп, бул дүйнөнүн жыргалынан кечип ак уруп кеткен дервиштерден, дубана, календерлерден айырмаланат, аларда өзгөчө жөндөм, талант, ары жактан берилген руханий күч болууга тийиш. Каалаган эле жаран бүбү же бакшы боло албайт. Бакшылардын айткандары ритмдешкен кара сөз сыяктанат, анда кыймыл менен коштолуучу ар кандай сырдык сөздөр, кыйкырыктар, сүрөөндөр көп кездешет. Тилекке каршы, бакшылардан көп чыгармалар жазылып калбаптыр. Биз жалпы бакшылар чыгармачылыгын түшүнүү үчүн мындай бир чыгарманы окуп көрөлү:

Ой, тоодон бир тоого учкандар, Ой, жылан бир камчы туткандар, Ой, жандыра суу ичкендер!

Ой, азирети Сулайман пирим,

Ой, дулдул атан дөө-пери мейман, Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман.

Ой, ошол суу башы Сулайман, мейман.

Ой, Анжиандан ак жылан мейман, Ой, Кабазыр мудур каятыш мерген, Ой, Султан бир мудур, ой башыр мейман. Ой, кара бир көздүү Ой, ширин бир сөздүү.

Ой, келте бир бойлуу,

Ой, шыпаа бир тиштүү, Ой, кочкор мүйүздүү, Ой, дөө-пери мейман ж.б. ушинтип кете берет.

Бакшылардын бир сеансы бир же бир нече саатка созулуп кете берет, ошондо жалгыз актёр сыяктуу ал оорулуу адамдагы «мейман» ооруну чыгаруу үчүн ар кандай пирлерге, колдоочуларга жалынат, жалбарат, алар менен уруш-талашка чыгат, алдайт, түшүндүрөт, ошонун арасында оорулууну сабап, андагы кеселди айдайт.

Албетте, байыркы мифологиялык аң-сезимге ишенген адамдар психологиялык жактан бакшыга берилип, андан айыгып кеткен учурлар да болгон, эгерде бакшылык өнөрдүн түпкү башатында анимисттик, тотемдик, фетиштик маани-маанай, мазмун көп болсо, кийинчерээк ислам дининин таасири менен аларга мусулманчылык жөрөлгөлөр кире баштаган.

Ислам дининде бакшычылык айыпталгандыктан, жектелгендиктен алардын чыгармачылыгы да трансформацияланган.

«Бакшыларды ак бакшы, кара бакшы деп бөлүшкөн. Кара жиндүү бакшылар көбүнчө талмалуу же илээшкени бар кишилерди карашкан. Адетте жиндерин чакырып, арбак менен сүйлөшүп, камчы, бычак же комуз, дап менен ооруну куушкан. Айрымдары күзгү менен же жиндери аркылуу дарылашкан. Тиш ооруганды, жылан чакканды өлөң менен, бадик айтып эмдешкен. Оорулуу адам менен малды оорусун башкага көчүрмөккө куу сөккө дартты байлап, алыска таштаткан.

Байыркы бакшылардын кыял-жоругун көргөндөр мындайча сүрөттөшөт: бакшы ноокас жаткан үйгө кишилерди чогултуп, эшик, түндүктү жаптырып, комуз чертип, зикир чалган же дапты кагып, майда коңгуроолорун шылдыратып, жинин чакырган. Кээ бир колдоочулары күчтүүлөрү арбак менен сүйлөшкөн, ордунан туруп, секирип, оозу-башын кыймылдатып, көзүн алаңдатып, өзүнчө алка-шалка түшүп, шалкылдап, көрүнгөндү да сабап ийип, эбелек атып, акыры эси ооп жыгылган, көптү сүйлөгөн. Бакшы адамга келээр жакшылыкты, коркунучту, кырсыкты, жоонун келишин, баланын төрөлүшүн алдын ала айткан, жаан-чачындын болорун, уурунун келээрин ж.б. аяндарды айтып берген», – деп жазат аалым жана жазуучу Кеңеш Жусупов[19].

Бакшылардан балдарга байыркы руханий маданияттын бир бөлүгү өткөн, анда болсо элдик медицина, философия сиңдирилген. Мындай чыгармачылык шаман динине сыйынган элдерде (алтай, бурят, саха, хакас ж.б.) азыр да шамандар, бакшылар, камдар ж.б. аталыштарда кездешип келүүдө. Ар түрдүү аталыштарда болгону менен алардын жалпы окшоштугу бар, бул өнөр өзгөчөлүгү, б.а.,  бакшычылыгы. «Бул, биринчиден, зыяндуу жаман духту кубалаш үчүн; экинчиден, кандай нерсенин курмандык кылууга боло турганын билүү үчүн; үчүнчүдөн, сыркоо кишинин оорусунун себебин жана натыйжасын билүү үчүн; төртүнчүдөн, өлүм жана башка балаа, казаа, кыйым-кырсыктан сактануу үчүн; бешинчиден, башка жерлерде кандай абалдар болуп жаткандыгын билүү үчүн иштеткен»[20].

Манасчы Жусуп Мамай жаш чагында көргөн бакшы тууралуу мындай эскерет: «Мен 12-13 жаштагы бала кезим. Отту өтө чоң жаккан экен, жалын боз үйдүн түндүгүнө жаба коюп чыгып атат. Бир маалда бакшы отко кызарган кетмендин, типтик өйдө каратылып коюлган бычактын мизин тепсеп басып, «бургуй-бургуй» деп кыйкырынып, «түргүлө эшикти» деп түрдүрүп салып, жалынды созултуп эшиктен чыгарды. Кыпкызыл өгүздүн белиндей жалын эшиктен созулуп, талаага чыгып атты. Бир маалда билбей эле калдым. Жел боого жабышып бакшы чыгып баратыптыр. «Мени ууктан өткөрүп ийбей, тартып түшүрүп алгыла» деп атат. Өзү тырмышып жел боого жармашып баратат. Керимбек деген үнү жоон киши бар эле, «арам чунактар муну күйгүзүп өлтүрөсүңөрбү?» деп кыйкырып үч-төртөөлөп тартып, бакшынын таманын жерге тийгизди. Жанагы аялды керегенин бооруна таңып койгон. Аны «чечип ийгиле» деп кыйкыргандай болду. Анан аялды алып келип коломтого койдой мууздады. Денесин башынан ажыратып, ошол керегеге жөлөп койду. Суу уурттап, бирдемелерди айтып окуп, башты алып барып ордуна коюп, денесин бери көздөй тартып, «тур акылет, тур» деп, дагы бирдемелерди айтты эле, жанагы аял оонап барып, ордунан соп-соо туруп келди. Ошол бойдон сапсак болуп сакайып кетти»[21].

Бул бакшылардын адам акылы албай турган керемети, илими.

«Манаста» да «Баканды кармап бакырып, бакшы менен бүбүдөн, немесин койбой чакырды» (БВ, 1,22), «Жаманын билбей, жакшы деп, жиндисин билбей бакшы деп тийишкениң кандай кеп» (СО, 4, 343) деген жерлер бар. Токтогул «Бак-дарак көркү – гүлүндө, бакшынын көркү – жининде» дейт.

Бүбү – негизинен аял бакшыларга карата айтылат. Алардын оорулууну көрүү өзгөчөлүктөрү дале бакшылардыкы сыяктуу. Көбүнчө кыргыздар бүбү-бакшы деп кошо айтат. Эркектерге карата бүбү деп айтылбайт, ал эми аялдарга бакшы да, бүбү да деген сөздөр колдонула берет. Кээде бүбүлөрдү терс максатта – бирөөгө жамындык кылуу үчүн да пайдаланышкан, мисалы, «Манас» эпосунда Кыяздын үйүндө жети бүбү кемпир болгондугу айтылат (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 52-53-бб.).

Дарымчы – ар кандай жараларды, уулуу жаныбарлар чаккандарды, тиш ооруларын, оозулдарды, тилмелерди дарылайт. Алар ар кандай жараларды (темиретки, көз жара, чыйкан, көтүбашы) жийиркенбей, керек болсо сыгып, өзөгүн чыгарып, дубалап, бир нерселерди коюп, кайра таңат. Асмандагы Айды, жылдыздарды карап тиш байлап, тиштен курт түшүрөт. Ч.Айтматов мындай деп эскерет: «Бир ирет тишим аябай катуу ооруду. Биз жайлоодо элек. Баарыбыздын боз үйлөрүбүз тигилген. Ар журтта жыйырма-отуздан боз үй турат. Адатта жайлоого боз үйлөрдү тиккенде уруу-уруу, урук-урук болуп, кошуналашып, журтка конушчу. Ошентип тишим ушунчалык чыдатпай сыздап кирди. Ар кайсы боз үйгө чуркап, не кыларды билбей, жан айласын издей баштадым. Бир да тууганым же коңшум мага жардам бере алган жок. Жайлоодо тиш доктур деген кайдан болсун?..

Тишим күнү да, түнү да ооруду. Ошентсе да, таңзаардан балдар менен ойноп кетип, кечкисин гана тиш оорумду эстеп, кокуйлап көк шиберде жатар элем. Балдар тыным албай жылаңайлак чуркап ойношчу. Чоңдор да буга аябай ыраазы болушчу. Анткени алар балдарынын таза абадан дем алып, эркин ойногонун жан-дилинен каалашчу. Эч ким бизди тыйчу эмес. Көк асман да бизге айнек чыныны көмкөрүп койгондой таасир калтырчу. Айланада таптаза, мөлтүр суу агып, көк шибер кырчоону басат. Ай ушул тишимдин гана ооруганы болбосо…

Анан айласы кеткен мага Айымкан чоң энем аркыл чөптөрдөн дары жасады. Болбоду. Тишимдин ооруган жерине ысытылган таш басты. Шыпаа табылбады. Колунан келгендин баарын жасап чыкты. Тишимдин зыркыраганы зыркыраган. Акыры чоң энем бир жылкычы тууганыбызды табып алып келүүгө жумшады. Табыптын кайда экенин билбейм, балким бизге коңшу конушта болсо керек. Жылкычы бир ат коштоп, дароо жолго чыкты. Бүгүнкү күндө мындай иш үчүн машина жиберилет да. Бирок, биздин жайлоолордо атүгүл азыркыга чейин машина жолу жок. Тишим аябай катуу ооруп баштады. Ыйлап, жер тепкилеп, башка нерселерге көңүл бурууга аракет кылсам да болбой, ооруй берди. Акыры күттүргөн табып да келди. Картаң болгону менен сергек жана тың адам экен. Чоң энем анын караанын алыстан эле көрүп:

  • Ана, келе жатат! – деп сүйүндү да, мага карап: – Кудай колдойт сени! – деди.

Мен болсо ооналактап жаткан жерден ыргып турдум да, боз үйдөн атып чыктым. Жылкычы тууганыбыз коштоп кеткен атка табыпты мингизип бизди көздөй келе жатышыптыр. Табыптын атын алып, тосуп алгандан кийин, ал дароо мага кайрылды:

  • Эмнең ооруп жатат?

Мен дароо уңулдап ыйлап, тишимди көргөздүм.

  • Ыйлаба, азыр оорубай калат?! – деп, табып мени жооткотту.

Табып мени карап туруп, чоң энеме мындай деди:

  • Боз үйдө баладан башка эч ким калбасын. Баланы жуурканга ороп отургузайын?!

Ырас эле айтканын аткарды. Мен жерге отуруп, башымды ылдый салдым. Шамы бар идишти алдыма алып келди. Шам үлбүлдөп күйүп турган эле. Ал анан:

  • Оозуңду ачып, шамга така, – деди. Мен айтканды кылдым, ал болсо менин үстүмө жуурканды жаап салды. Караңгыда калдым. Шам гана үлдүрөп жанып турат. Табыптын жип-шуусу салбырайт, кийимдери да аркыл жаныбарлардын терилеринен тигилген. А ошол терилери да башкача бир айбанаттардыкы эле. Табыптын башына кийгени да бир башка. Жууркандын алдында, шамдын жарыгында оозумду чоң ачып көпкө отурдум. Табып болсо мен түшүнбөгөн тилде ар нерселерди сүйлөнүп, укмуштуу бир үндөрдү чыгарып жатты. Албетте, мен ал кезде табыптын шаман экенин кайдан билейин. Исламды көп жылдар мурун кабыл алсак да, шаманизм элдин арасында дагы да болсо жашап турган эле. Каалоо-тилектерин бийик үнү менен кыйкырып жатты. Балким мага эч ким ишенбейт, бирок тишимдин ооруганы тып басылды. Көп күндөн бери тузга да, ар кыл дарыга да, ысык ташка да айыкпаган тишимдин оорусу сен көр-мен көр жок болду да, калды. Табып менден:
  • Ооруп жатабы? – деп сурады. Мен башымды чайка-дым. Ал мага дагы бир аз чыдап ушинтип отуруп турушумду буйруду. Каршы болгон жокмун. Кийин ал төшөктү ачканда алдымда майда таштар жатыптыр.
  • Карасаң, мобу кичинекей курттарды! – деди ал мага сүйүнүчтүү. Чын эле мен чачтай ичке кыбыраган майда курттарды көрдүм.

Табып ошентип тишимди дарылады. Мен бул окуяны өмүр бою унутпай калдым…

Кийин-кийин көптөгөн жылдар өткөн соң тишдоктурлардан адамдын тишинде ичке курттар болобу деп сураганым эсимде. Алар мага мындай нерсенин болбой турганын кайра-кайра кайталашты. Ал эми ушундай нерсенин менде болгонун бүгүнкүгө чейин түшүнбөй келем.

Ошондо шаман мага:

  • Кара, аман калдың! Эми тишиң оорубайт! – деген эле.

Ал сыйкырладыбы же мен көргөндөй эле болдубу, негедир түшүнө албадым»[22].

Мына ошондо болочок жазуучуну айылдык бир жөнөкөй дарымчы тиш байлоо жолу менен айыктыргандыгы көрүнүп турат.

Жылан чыкканда анын ийинин таап, жылан менен дарымчынын арбашуу ыры, кара курт, чаян же жылан чакса уу толгон шишик жерди эки тарабынан байлап туруп мындайча «сүфүлөгөн»:

Быжы, быжы, быжы чык,

Тула бойдон калбай чык,

Заарыңды жайбай чык,

Турумтайдан түлөп чык,

Жабыр көрүп жүдөп чык, Ууңду жайбай чык,

Сүф! Сүф! Сүф!.. ж.б.

Демчи (дамчи – Түштүктө), дем салуучу – кеселдин жакшы кылуу үчүн куран аяттарынан окуп, анан ичине сууну же абаны оп тартып, кайра аны оорулууга карай бүркүп чыгарып, «сүф, сүф» деп үйлөп коёт. «Манаста» да «Апсун окуп, дем салды, акпай суусу тим калды» (СО, 4), «Дуба окуду, дем салды, адамдар ага таң калды» (СО,5) деген жер бар. Мындагы «Афсун» курандын бир сүрөөсү.

Домчу – бул эмчи деген сөз менен эле бирге каралат, жалпыланып «эмчи-домчу» деп айтылат. Эмчилер, бакшылар дарылап жатып колу менен, камчы ж.б. буюмдар менен оорулууну, же отурган кишилерди акырын уруп, же тийгизип эле койсо «домдоп» койду, «домдоду» дешет.

Дубана – ислам динине үгүттөп, элди жыйнап, аларга даарат алдырып, кудайга, пайгамбарга сыйынып, жалынып, оорулууну ортого коюп, чарк айланып дуба окуган, көбүнчө башка жактан келген кишилер. Аларды эл мусапыр деп сыйлашкан. Булар негизинен сопучулук агымын жайылткандар. Төшөктө ооруп жаткан адамдын үйүнө алып барган. Дубана аса-муса таягы менен жүргөн, аны итке талатуу, тамак бербей коюу күнөө болгон. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын атын да дубана коёт. Дубаналардын таасири да кесел адамга жакшы тийген. Аны кээде жүрүш-турушунун карапайымдыгынан улам өтмө мааниде кайырчы деп да аташкан.

Жайчы – катуу ооругандарды окуп, дубанын кудуреткүчү менен айыктырган. Д.Чомон уулу алар окуганда жамгыр жаачу экен деп, менде алардан калган дээр бар дейт. «Манас» эпосундагы Алмамбет да жайташы менен агыны катуу суудан өзү тараптагыларды эсен-аман өткөрүп, душмандарды суукка тоңдурат. Ал жайчылыкты бала кезинде Аберген деген ажыдаардан үйрөнөт.

Канчы – наштар, уй мүйүзүнөн жасалган кортык менен ооруган жерден, туюк жаралардан кан алган кишилер. Алар канды кайсыл жерден, канча өлчөм алуу керектигин билген, адам денесинен бузук кандарды да чыгарып турган. Мисалы, Таластын этегиндеги Калбанын аркы башындагы Терс-Булак деген жерде Мамбет деген табып болгон. Ал кан басымы жогору кишинин чачын таза алдырып, анан кан алчу мерчемдүү жерин бычак менен тилип, канын идишке куюп алган да оорулуунун кан басымын төмөндөткөн[23].

Кайрычу – колдун башына чыга турган жара «кайрычу» аталып, темирди, же атайын жасалган куралын отко кызытып туруп, ошол жарага басып, жараны кайрып айыктыруучу киши. Кээде улам-улам жамандык боло берсе, «кайрычубуз» деп ошол жамандыкка себепчи болушу мүмкүн деген адамдын көчүгүнө кызыган темир басып, жамандыкты «кайрышкан».

Касыйдачы, касидачы – араб ыр формасын бир түрү, араб тилиндеги көлөмдүү поэма касыйда (касида) деп аталып, мына ошолорду көбүнчө жин оорусуна кабылгандардын алдына келип окуган, ошол аркылуу оору кишинин психологиясына таасир эткен киши. Касыйдачы өтө билимдүү, күчтүү, көп жыл окуган дин өкүлү болгон. Алардын күчтүүлөрү адамды эшек кылып, сууну тескери агызып койгон дешет. «Манаста»: «Касидадан кат алган, калмакча кара дуба жат окуп» (СО, 8-9), – деген ыр саптары бар.

Киринечи – адамдардан башка адамдардын жакшы көрүүсүнөн улам кирине (сук) киргенде ошону айдап чыгуучу эми бар адамдар. Азыркы күнгө чейин бөбөктөрү чыргоолонуп калса, же үйгө бирөөлөр келип, наристени жакшы көрүп кеткен болсо, аны улуураак байкелери, эжелери киринелеп кирет:

Менин колум эмес,

Умай-Эненин колу,

Батма-Зууранын колу,

Эмчи эмкейип калган, Эми мага калган, Ач кирине болсоң чык!

Сук кирине болсоң чык!

Чык, кирине чык! ж.б.

деген салттуу тексттери бар.

Кирине (сук) бирөөнү жакшы көрүп коюудан ошол жакшы көрүлгөн кишиге кирет деп эсептелет. Кирине кээ бир адамдарда күчтүү болот, ал үйгө келип кеткенде «атып кеттиби» дешип, бала-чаканы киринелеп киришет. Ар бир айылда айтылуу киринечелер болгон. Кирине киргенде адамдын көңүлү каш болуп, ичи түйүлөт, толгойт, көбөт. Киринечи киринелеп жатканда оорулууга чын эле кирине кирген болсо, эсинейт, кускусу келет, кусуп да жиберет, эски кирине, жаңы кирине экендигин билет. Киринелөөчү алаканына же нан, же арча, же кесек ж.б. нерселерди салып алып, кирине кирген кишинин ичтерин, көкүрөктөрүн, башын салып, жогорудагыдай тексттерди айтып, киринени кууп, «тегирменчиге бар», «бекерчиге бар», «ушакчыга бар», «жылкычыга бар» ж.б. дегендей сөздөрдү айтып, анан киринелеген нерсеси бар муштуму менен «чык, кирине, чык» деп жерди ургулап, киринени айдайт. Ооруп жаткан киши же анын үй-бүлөсүндөгүлөр киринечинин акысын берет, болбосо, кирине чыкпай коёт дешет.

Көкнарычы – көкнары деген өсүмдүктөн дары жасап, ошол аркылуу оорулууну айыктыруучулар. «Көкнарыны апийим тилгендей тилбейт эле, аны тилбейт окшойт. Сабиз, пияз, чөп-чардын баарын чогултуп алган соң, көкнары калчу аягында, кургап, куурап саргая баштаган. Ошондо чоң энем калта көтөрүп барат дагы, ичиндеги уругу менен баштарын жулуп-жулуп алып, торбо-торбо кылып үйдөгү пешайвандын түркүгүнө илип коёт. Кийин кыш киргенде жаш балдар чүчкүрүп-бышкырып баштайт, ошондо келин-кесектер балдарын көтөрүп келе берет: «Баланча эже, баланча жеңе, бала ооруп калыптыр, жанагы дарыңыздан биртике берип койсоңуз» – деп. Ошолорго берчү, бирден-экиден. «Кайнатып туруп, суусун ичир» – деп коёр эле. Ошентип айыгып кетишчү. Кээде энесине күн көрсөтпөгөн абдан кыйык, чыргоок балдар болот эмеспи, ошолорго да берчү, жоошутуп таштайт турбайбы. Кыскасы, көкнары экөөбүз ичсек жараша турган дары экен»[24], – деп айтат Мурза Гапаров.

Жазуучунун айтуусуна караганда бул өсүмдүк кыргыздар арасында өткөн кылымдын 50-70-жылдарында дары катары тамаркаларына эгилген, кийин-кийин аны баңгизат деп эктирбей койгон кезде да көкнарычылар аны бир кезде кескен бычактары менен балдарды киринелеп, учуктап жүргөн.

Көчөтчү – узак убакыттын бери ооруп жаткан бирөөнүн дартын алып, аны дубалап, башка нерсеге, мисалы, малга, ташка, же башка буюмдарга көчүрүп, оорулууну кеселинен куткарган киши.

Куучу (Куугунчу) – эки түрдүү адамдарга карата айтылганы байкалат: биринчиси, төрөй албай мартуулап жаткан аялдын жанынан ар кандай жин-шайтандарды кууп, төрөтүнө жардам берүүчү аялдар; экинчиси, азыткы (албарсты) менен кармашып, анын чачын кесип алып, жалдыраткан, ошон үчүн азыткы адаштырган башка адамдарга жардам берип, аларды кырсыктан алып калуучулар.

Кыбачы – бул сөздүн мааниси «уста», «чебер» дегендерге окшош келип, алар адамдын чыгып кеткен же сынган, талкаланып, майдаланган сөөктөрүн сыртынан кармалап, акырындап отуруп, бири-бирине ашташтырып, туш келтирип, эби менен кылдат салган кишилер. Бул ыкманы кыбалоо дешкен.

Сыныкчы – адамдын же малдын сөөктөрү сынып калганда, же ордунан чыгып кеткенде аны ордуна салган элдик дарыгер. Алар сөөктү салып, анан жакшы болгонго чейин шакшактап койгон. Шакшакты алган соң шыралжын, ак кодол, эрмен, мамыры, көкө мерен, шыбак, уу коргошун сыяктуу чөптөрдүн кургаганын күйгүзүп, түтүн чыгарып, чыккан же сынган жерди буулап, бышырган, шишигин кайтарган, сөөктү калыбына келтирүүгө таасир берген. Сыныкта жана анын алдын алууда мумияны арчанын ашы менен кошуп, сөөккө сыйпаган, сөөктүн кулгуна жарасына уу коргошун тартып, адамдын оозунан ак көбүгүн чыгарган, анан ууну кессин үчүн уйдун сүтүн ичирип турган.

Табып – ооруну айыктыруучу тамырчылар, жалпы эле элдик медиктер «табып» деп аталган. Араб тилинде «тиб-б» деген сөз азыркы «медицина» деген түшүнүктү билдирет. «Табып» сөзү мына ошондон, негизинен арабдардын келиши менен тилибизге кирген сыяктанат. Бул сөз «Манас» эпосунда да кезигет: «Табыптарын жыйдырып, найза тийген жерине, аябай дары салдырып» («Семетей»). Табыптар дары-дармектер менен гана таасир этпестен адамдарды кыймылга келүү, рухуна таасир этүү жолу менен да айыктарган. «Илгери бир жигит Тар өрөөнүндө шал болуп ооруп калыптыр. Жер-жерлердеги бүт табыптарга алып барыптыр. Анда азыркыдай доктурлар жок, эч айыгуунун айласы болбоптур. Ошондо Ылай-Талаа деген жерде молдо Калмат деген чоң табыпка атасы баласын атка мингизип алып барыптыр. Тамырчы оорулуу жигиттин тамырын кармап: «Бул айыга турган оору» – дейт. Анткени, ал элге аты чыккан кыл тамырчы турбайбы. – Балаңыздан коркпоңуз, тез эле айыгат. Муну уучулукка алып барып, колуна мылтык берип, кийиктердин чубап өтчү жерине отургузуп койгула. Кийиктер өтүп баратканда жигиттин уучулукка кызуусу артып, ышкысы келип, оорусун унутуп, тиги кайберенди атам деп ынтылып отуруп, басып кетет. Ошону менен мен көр, сен көр болуп сакаят, – дептир тамырчы.

Баягы баланын атасы, агалары табыптын айтканындай

Ажыкенин Качурасынын белине алып барышып, мылтыкты колуна карматышып, кийиктердин өткөөл жолуна отургузуп, ар жактан кийиктерди үркүткөндө кийиктер баягы шал оорулуунун жанына келгенде, бала уучулукка кызыгып, атам деп ынтылып басып кетиптир»[25].

Мында табып оорулуунун дарт белгисин так аныктаган, анын психологиясын, кызыгуусун билген, ошол эле кезде айыгышынын жолун да көргөн.

Тамырчы – адамдын тамырын кармап туруп, анын согушунан дарт белгисин койгон киши. Мисалы, алар боюнда бар аялдын эмне төрөрүн билүү үчүн анын тамырынын тартканын байкашканда тамыр колдун учун карай кагып атса, ичиндегиси – эркек, ал эми тамыр колтукка карай кагып атса, ичиндегиси – кыз дешкен. Тамыр кармоо менен адамдын «ысыкчан» же «суукчан» экендигин аныкташкан. «Ысыктап» кетиптир деп кара сууга отургузган, же «суугу ашып кетиптир» деп күчтүү тамактарды сунуш кылган. Алардын тамыр кармоосу мүнөздөп тамак берүүсү менен улантылган жана бир нече күндөн кийин тамырын кайра байкап көргөн. Булардын өтө мыктыларын «кыл тамырчы» деп койгон, алар адамдын дарты кайдан, эмне үчүн келгендигин да аныкташкан. Эгер жалаң суу ич деп кеткен кишиси нан жеп койсо, аны да билип алган. Алар дары чөптөрдү жана жаныбарлардын этин, майын, башка органдарын кайсыл убакта, кандайча кылып алып, кантип, канча сактоо керектигин аябай жакшы өздөштүргөн, жасаган дарыларын сактай турган жерлери, идиштери кылдат каралган. Чийкизатты дары абалына келтирүү үчүн ийлей турган териден жасалган жаргагы, жанча турган өтө бышык жыгачтан гана жасалган сокусу, бир чымчымдан тартып так ченей турган өлчөө кашыктары, таразалары болот. Мен да кегетилик Жуманаалы табыптын андай шаймандарын көргөнмүн.

Азыркы кыл тамырчылардын бири Дүйшөнбек Чомо уулу мындай дейт: «Өзүм деген кыл тамырчы болом. Тамыр кармоо деген бул мүнөз. Ал адамдын тамырын кармоо аркылуу ысык менен суукту ажырата билүү. Адамда эркек жана ургаачы деп айырмалангандай, тамыр да ысык жана суук деп бөлүнөт. Ысык – эркек, суук – ургаачы болуп эсептелет. Адамда тамыр мүнөт сайын өзгөрүп турат. Ал эми тубаса тамыр деген эч өзгөрбөйт. Аны бир гана чыныгы тамырчы сезип, ооруну аныктай алат… Менин ошол көзү ачыктардан, эмчилерден айырмам, тамыр аркылуу ысык-суукту аныктап билип, бейтапты дары чөптөр менен дарылай алганымда. Мисалы, мен 70-80-жылдары 20-30 чөптүн түрүн билип, сүйүнүп жүрсөм, азыр элдик медицинадан тажрыйба топтоп, түшүнүгүм кеңейип, чөптүн 700-800 түрүн өздөштүрүп калгам. Кайсы дарыны кайсыл ооруга колдонушун, кайсы ооруга кайсыл дары жакпасын билип калдым. Муну да билүү кажет. Себеби, баардык эле ооруга бир чөп жага бербейт. Мисалы, ысык деген ооруну ысыктап, суук дегенди сууктап дарылайт. Бир эле ооруну сакайтуу үчүн чөптүн 10-15 түрү колдонушу мүмкүн… Биз тамыр кармап, андан адамдын ысык же суук оору менен ооруганын аныктайбыз. Кээ бир адамдар ысык-суугу аралашып ооруп калышат. Андайда «чарбысын менен ооруп калыптырсың» деп коюшат. Ысык ооруга – боор, уйку без, кан оорулар, өт ж.б кирет. Ал эми суук оорунун катарында ичеги, ашказан, бөйрөк, табарсык, бут-кол оорулары кирет. Адам оорубашы үчүн, аял суук тапта, эркек ысык тапта болушу зарыл»1. Демек, тамырчы тамыр кармап оорунун кандайлыгын билип гана калбай, аны айыктыруунун шыпааларын айтат. Өтө мыкты билгендерин кыл тамырчы деп баа беришкен.

Териге алуучу – суук тийип өтүшүп кеткен, же кагындап кан түкүрүп калган оорулууну жаңы союлган тайдын же койдун терисине ысыгында ороп жаткырып, тамакты күчтүүлөп берип айыктыруучу эмчи.

Тилмечи – тилме оорусун айыктырган дарымчы. Тилме деген дарт негизинен бетке, мурунга чыгат да, ошол жер чыңалып, көөп, шишип кетет. Аны тилмечилер устаранын учу же наштар менен акырын тилип, канын сарыктырып чыгарат да, дарымдап туруп, шакар сыйпап таңып коёт.

Түкүрчү – оозундагы сууну оорулууга бүркүү жолу менен дарылоочулар.

1 Чомо уулу Д.: «Тамыр кармоо – бул мүнөз» //Алиби. – 2011. 11-нояб.

Умай – жалпы эле баланы колдоочу пири, оору-сыркоодон сакайтууда элдик дарыгерлер сыйынуучу, аларды колдоочу ишеним. Дарылоону «Умай эне колдосун», «Менин колум эмес, Умай-Энемдин колу» деп башташат. Бала төрөлгөндөгү артындагы такты «Умай-Эненин колунун изи» дешет. Ооруп жаткан бала өзүнчө эле жакшы болуп калса, «Умай-Эне айыктырып кетти» деген, же болбосо, бала уктап жатып күлүп атса, «Умай-Энеси күлдүрүп жатат», эрте менен бетин жуубай атса, «Умай-Энеси жууп коёт» дешет. Ошентип мифтик каарман Умай-Эне элдин ишениминде адамдар менен бирге жашап, балдардын дени сак болуп өсүшүнө таасир эткен. Бул нерсе кандайдыр бир деңгээлде Улукман акимге да тиешелүү. Улукман акимди да Умай-Эне сыяктуу пир катары эсептешет.

Учукчу – сасык тумоолоп, суукка урунуп, чыйрыгып ооруп калган адамды учуктоо жолу менен айыктыруучу. Учукчу кычкачты же орокту, же дагы башка темир буюмду отко коюп, кызартат, оорулууну астанага жакын жылаңачтап отургузуп коюп, жанагы темирди ага жакындатып чөйчөккө же чыныга куюлган муздак сууну темир аркылуу кишиге бүркүп учуктап турат. Акыры темир муздап, кесел да калчылдап үшүп чыгат. Анан аны ысыктап, калың ороп жаткызып коёт.

Экинчи маанидеги учукчулар тамак ооруганда, жүрөгү «түшкөндө» анын тамагына, же жүрөк тушуна колун коюп:

Менин колум эмес,

Умай-Эненин колу, Бул бала (кыз ж.б.) Ооруңду көтөрө албайт.

Кара жер өзүң көтөр, Кайт! Кара жерге кайт! ж.б. –деп, жерди таптап-таптап коёт.

Чилжаасынчы – көптөн бери төшөк тартып катуу ооруп жаткан кишини ортого коюшуп, куранды жатка билген каары баш болуп бир нече киши Курани каримдин ичиндеги «Ясын» сүрөөсүн кырк жолу кайра-кайра кайталап окушат. «Ясын» биздин тилге ылайыкталып, «жаасын» болуп калган. Демек, кырк жолу «Ясын» окуу дегенди түшүнүдүрөт. Ал – дубалоо, адамды айыктыруу үчүн ишендирүү, оорулууга ичтен күч берүү. Чилжаасын окууга бардык эле молдолор катыша албайт, күчтүү, таза молдолор гана катышат.

Эмчи – табып, тамырчы, киринечи ж.б. элдик дарыгерлердин жалпыланган аталышы. Эмчилер же эмчи-домчулар деп коюлат. «Эмчинин эми түшсүн» деп бата берет.

Жогорудагыдай элдик дарыгерчилик, элдик дарыгерлер «Манас» эпосунун курамына аябай сиңип кеткен. Эпосто жоокерчилик заман, мекен коргоо негизги максат болгондуктан «биринчи байлык – ден соолук» экендигин көрөбүз. Баатырлар өмүр аягына чейин карылыкка алдырбай ар дайым чымыр денелүү болуп, күчү ашып-ташып турган. Манастын туугандарынын бири Жамгырчы жүз отуз жашында Уларбоз атын минип, кайда терек, тал болсо жулуп алып, жоого киргенине күбө болобуз (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 180). Демек, ал өзүн күчтүү тамак-аш, кыймыл-аракет менен сактап, карыса да душман менен күрөшүүгө даяр туруп келди. Себеби – анын заманы ошондой эле, туш тараптан душмандары курчап турган.

«Манаста» азыркы түшүнүк менен айтканда хирургиялык инстурменттер: аштар, тинтүүр, сапсалга, бычак, картык, оңко, искек тууралуу бир топ жерде айтылат, аларды кимдер, кандайча колдонгондугу менен да кабарлар кылынат.

Манас туула турган убакыт келгенде Жакыптын байбичесине бакшы менен бүбүлөр бакан карматат. Төрөтүү процессине Бердикенин, Дамбылданын, Кутубайдын катыны активдүү катышып, эненин курсагындагы баланы оңдошот. Баланы оңдоо деген – бул элдик медицинадагы түшүнүк, адатта бала тескери келип калганда бүбүлөр, киндик энелери аны оң келтирүү үчүн ар кандай иш аракеттерди аткартат.

«Манас» эпосунда кыргыз дарыгерлери жакшы билген оорулар, ошол оорулардын түрлөрү тууралуу маалыматтар менен да кабардар болобуз. Мисалы, Манастын чоң атасы Орозду кезик оору менен ооруйт жана ошол оорудан каза болот (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 304).

Кезик оору деген кандай оору?

С.Каралаевдин «Сейтек» бөлүмүндө Кенеге карата «Сары оорудан сандалтып, кетпес кезик кыламын» деген саптар учурайт. Алтайча-орусча сөздүктө[26] алтай тилинде кезим оору деген бар, аны орусчага жөн гана «эпидемия» деп берген, демек, бул жугуштуу оору болгон. Дагы бир сөздүктө[27] мындай түшүндүрөт: 1.эпидемия; кезим оорулар – эпидемические болезни, инфекционные болезни; 2. отрезок, кусок.

Кыргыз баталарында да бул сөз сакталып калыптыр: «Кетпес кезик келинден сакта». Анда ал сөз өтмө мааниге өтүп кеткен.

Жогорудагыларга караганда кезик оору жугуштуу жана айыкпас, адамга келсе кайра кетпес дарт болгон.

«Манастагы» каармандардын ичинен атайын адистер гана эмес, жөн-жай кишилерден дале элдик дарыгерчиликти билгендер көп: Бакай, Жамгырчы, Каныкей, Семетей, Айчүрөк ж.б. Алар ар кандай кырдаалда адамдарды дарылай билген. Айталык, душмандар Манастын тууларын билип, ар бир боюнда бар аялдын ичин жарып жүргөндө, Чыйырдынын жанына да бир кечилин коюп коюшат. Катындар Чыйырдыны кечилден жашырып «ит туудуруп ийгенде» кечил эси ооп калат, ошондо кечилди «курмушу менен учуктап, куу курмушу журттан таап, башына кебек түтөтүп, эс алдырып алышат» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 342-б.).

Калмактар менен алгачкы катуу урушта жарадарлар көп болот. Ошондо Жамгырчынын абалы: Жамгырчы келди сандалып, Кара сандан кан агып.

Өттөн коюп, дары чаап,

Санын койду бек таңып

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 534-б.).

Айчүрөктүн боюнда үч айлык бала калганда Семетей кайып болуп, Айчүрөктү Кыяс зордоп аял кылып алган соң бир топ мезгил өтүп толгоо келгенде Чүрөк «Умай эне Зуурага, уялбай ичин оңдотот» да, тогуз ай көтөрө турган баланы он бир айга өткөрүп ийет (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 50-б.). Бул көрүнүш байыркы кыргыз медицинасынын аябай өскөндүгүнүн көрсөткүчү.

Күлчоро далысына кечил оюлуп, Кыяздын кордугун көрүп, жедиргерлерден качып Таласка келгенде жаш Сейтек анын азып келгенинен семиртип алуу үчүн ак боз бээден көп союп, казы-карта тартат, кымыз менен жуудурат, кымча менен буудурат, кысыр тай сойдурат, астына май койдурат, шарап менен сугарат.

Аркагы кымбат сарала Аземдетип чоронун Алдырып белин буудурду.

Даана болуп айыгар деп,

Абасы баатыр чорону

Жалаң май менен жуудурду

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 84-б.).

Мындагы Семетейдин жаш болсо да элдик дарыгерчиликти колдонгонун көрөбүз: адамдын, азыркы термин менен айтканда, иммунитетин көтөрүп, күчүнө келтирүү үчүн жакшы тамак, белин сарала (Анжианда согулган аркагы жибек мата) менен бууп жүрүш, жалаң май менен жууш сыяктуу ыкмалар колдонулат.

Кошой баатырдын бели ооруганда чым болуптур дешкен, ал азыркы куяң, радикулит шекилдүү, чымды айыктырыш үчүн беш кишиге акырын-акырын тепсетет.

Кыргыздар ар кандай оорулардын белгилерин жана ошондой ооруга чалдыккан адамдардын жүрүш-турушунда, ыраң-башында, баскан-турганында, сүйлөгөн сөзүндө ж.б. жагдайларда, кыскасы, психологиясында жана физиономиясында өзгөрүүлөр боло тургандыгын билишкен. Мисалы, Сейтектин урушка баргысы келип калган учуру мындай айтылат:

Жүрөк дегдеп, ич кайнап,

Бой дүркүрөп, тиш кайрап,

Дене балкып, көз жайнап,

Дел оору тийген эмедей,

Дегдеп Сейтек жол тартып

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 135-б.).

Адамдын жетилиши – эң биринчи кезекте анын дене-боюнун өсүшү менен байланыштуу дешкен, мисалы, Желмогуз уулу Сарыбай менен жекеме жеке чыгып беттешейин деген Сейтекке карата Күлчоро мындай деп айтат:

Жыйырмага жашың жете элек Бала убактың кете элек.

Болумдуу сөөгүң боло элек. Он устукан, сексен сөөк Толкуп ташып толо элек.

Бул өңдөнгөн чоң жоого,

Ботом, беттешер чагың боло элек

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 225-б.).

Кыргыздар адамда он устукан жана сексен сөөк болорун, ошолордун баары бышыкталышы керектигин, жыйырмага чейин алардын чоң жоо менен жекеме-жеке беттешүү үчүн ошол сөөктөр жетилбегендигин билишкен.

«Манас» эпосундагы каармандардын Бакайдын медицинасын өзүнчө бөлүп алып карап көрсөк болот. Бакай оорулууга адегенде абдан кылдат карап туруп, анан дартбелги коёт, мисалы, Жусуп Мамайдын вариантында Манасты Көкчө көз атып, баатыр жараланган учурда, ага ичегиси жыдыды деген дартбелги (диагноз) коёт. Мунун келип чыгышы Бакай-табыптын аныктоосунда – кандын көп кетип кансырап калышы. Эми ага дан бербеш керек, коюу тамак бербеш керек, андай кылганда алар ичегини тешип кеткен да, адамды өлүмгө кириптер кылган. Андыктан «бармактай тамак таттырбайт, эс алган сайын баатырга муздак суудан ууртатат», жел киргизбей кумтулайт. Бул жол денедеги зат алмашууну теңдештирген да, ичегинин калыбына акырындап келүүсүн шарттаган.

Мына ошол Бакайдын дарылоо ыкмасында: сынган сөөктөрдү тартуу, сөөктөрдү жик-жиктеп ордуна коюу, шакшактоо, момуя (аркар таш) коюп таңуу ыкмалары колдонулат. Бул анын колунун жеңилдиги, сыныкчылык, таңыкчылык өнөрүнө маш экендигин көрсөтөт.

Кайып болуп кеткен Семетейдин Бакай тууралуу мындай деп айтканы бар:

Калк карысы бабамдын Кисесинде дары бар, Кишиден бөлөк баары бар.

Эбеп деген бир дары Эсил Бакай колунда, Ооруган жерди басчу эле.

Себеп деген бир дары,

Умачтай көздү аччу эле

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 204-б.).

Бул дарыларды Бакай жердин үстүн чалдырып, желмаянды мингизип, жекей бозду кийгизип, канчыдан алдырган.

Кыргыздар азыркы күнгө чейин элдик медицинанын дарысын ичкенде же илимий медицинанын дарысын колдонсо дале «эбепке – себеп» деп коёт, балким ошол сөз Манас доорунан калгандыр.

Бакай сыяктуу эле Каныкейдин да элдик медициналык билими, мектеби болгон. Анын колдонгон дарылары: эбепсебеп, кырма кызыл кыйын дары, кайнатма кара дары, сары барпы көк жашыл, аюнун, жору кажырдын, таз жорунун, бүркүттүн, үкүнүн ар кандай органдары, түлкүнүн өтү, кажырдын өтү, куну, нуштан, медет ж.б. Дарылоо ыкмалары: көк жоруну, таз караны дароо союп, этин жаратка ысык бойдон тартуу. Хирургиялык ыкмалары: чириктен эч нерсе койбой кесип алуу, кулгуна жерин тешип алуу, бузулган кан-ириңди картык менен тарттырып алуу, жаранын оозун (учун) кургатып туруу ж.б.

Жусуп Мамайдын вариантынын «Манастын өлүмү» бөлүмүндө жараланып, өлүм алдында жаткан Манасты зайыбы Каныкей мындай дарылайт:

Чирикти койбой кескилеп, Кулгуна жерин тешкилеп. Эбеп менен себептен, Күндө салып себейлеп.

Түлкүнүн өтүн таптырып, Жаңылап күндө чаптырып. Кажырдын өтүн алдырып, Ийлеп туруп салдырып.

Көк жоруну карматып, Өлтүрбөй тирүү жардырып. Таз караны алдырып, Ысуулай бойдон таңдырып. Кан-ириңин бузулган,

Картык менен тарттырып.

Жаранын оозун кургатып, – деп айтылат.

Мына ушуга караганда Каныкей бир эле убакта хирургдун да, терапевтин да, санитар врачтын да, медайымдын да ролун жалгыз өзү аткарган.

Каныкейдин медициналык билиминде боюнда бар аялдардын толгоосун эрте келтирүүчү, толгоосун жеңилдетүүчү акушердик дарылар да пайдаланылган.

Кошой баатырдын бели ооруганда чым болуптур дешкен, ал азыркы куяң, радикулит шекилдүү, чымды айыктырыш үчүн беш кишиге акырын-акырын тепсетет.

Кызыл-Суу кыргыз автоном облустук ооруканасынын дарыгери Дүйшенбек Сыдык уулу макаласында[28] Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосундагы айтылган айрым дарылардын касиети, колдонулушу азыр эми бизге белгисиз бойдон калды деп, алардын катарына төмөнкүлөрдү кошот: эбеп, себеп, медет, азиз, калдыркан жалбырак, куну дары, нуш дары, кайнатма кара дары, кантемир дары, кырма кызыл дары, ийсең, жуушаң, чар дары, катырма кара дары, апы-сапы.

Андан ары изилдөөчү жер астынан археологиялык изилдөөлөрдө табылган эне-сайлык кыргыздар тарабынан колдонулган жана «Манас» эпосунда да кездешкен кыргыз эмчилигинде колдонулган буюмдар катары төмөнкү дарыгерчилик аспаптары тууралуу маалыматтарды берет.

Картык. Картык топоздун же уйдун мүйүзүнүн уч жагынан бир сөөм узундукта кесип алып, ичиндеги үлүгүн чыгарып таштап, ичке учу жагынан кесип, кичинекей тешик ачылат, анан эки учунун кырларын текшилеп териге батып оорубагандай кылып жасалган чоң оозун эмдемекчи болгон жайга тийгизип тик коюп, ичке учун оозго салып соруп, булчуң эт жана майлардын ичиндеги ириң, сары суу, бузулган кан сыяктуу зыяндуу нерселерди чыгарып эмдөөгө колдонулуучу аспап болуп, «Манас» эпосунда:

Кан-ириңин бузулган,

Картык менен тарттырып, – делет.

Наштар. Темирден жасалган теринин астындагы ириң, бузук кан, сары суу, же тышкы жактан кирип, учу көрүнүп турган тикен, жебенин сыныгы же ок сыяктуу керексиз нерселерди чыгарып алуу үчүн керектелүүчү узундугу бир карыш чамасындагы учу учтуу, жалпак, курч болгон аспап болуп, муну кээде искек, аштар деп атаган маалыматтар бар.

Сом этине келди деп, Чыкпай туруп алды деп. Аштар алып колуна,

Тилип жаткан андан көп.

Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту аштар менен тилип алуу ыкмасын аштарлоо деген.

Токтогон окту аштарлап,

Тилип жаткан андан көп.

Тинтүүр. Булчуң эт, калың майларга кирип кетип чыкпай туруп калган жыгач, ок же найза өңдүү куралдардын учу сынып, чуңкур жерине туруп калган барчаларын чукуп издеп, таап чыгарууга колдонула турган алтын, күмүш, темир, табылгы, жыгач сыяктуулардан жасалган башы иймек шайман.

Сөөм жеринде ок бар деп, Тинтүүр менен копшутуп.

Сөөккө жакын ок бар деп, Коргошун тинтүүр салышты.

Шимшүүр: Ок жуткуруп окшутуп,

Сом эттеги окторду Шимшүүр менен копшутуп, Тилип жаткан дагы бар.

Эмчиликте керектелген бул шайманды 1975-жылы археолог Р.Д.Арач деген киши IX-X кылымдарга таандык Эне-Сайдагы кыргыздардын көрүстөнүнөн тапкан болуп, темир сымдан жасалып, сөөк кынга салынган, узундугу 14-15 саниметр, жоондугу жарым сантиметр келе тургандыгын баяндаган.

Чексе. Турмушта көп керектелүүчү эти адал айбандын терисинен жерлик аргалар менен ашатып болуп, бычып тигип жасаган баштык болуп, «Манас» эпосунда дарыларды салып, бузбай, чачпай сактап алышкан.

Чөйчөк таш. Чөйчөк же табакка окшоп чуңкурайып табигый шекил түзүп калган катуу таштарды кыргыздар таап алып керектеген болуп, «Манас» эпосунда эмчилер дарыларды ичине салып ийлеп же нымдап туруп чуңкуруна эзип дары жасоого колдонгон.

Жаргылчак. Арпа, буудай сыяктуу аштыктарды кууруп болуп, талкан тартып алуучу асты-үстү кылып коюлган бир жуп тегерек таш болуп, байыркы доордогу эмчилер айрым дарыларды да жаргылчакка салып талкан сыяктанган дары жасоого керектеген.

Соку-сок билек. Азыркы доордо соку божомол менен узундугу 50-60 сантиметр, айланасы 70-80 сантиметр чамасындагы катуу кургак жыгачты узунунан айланасын 3-5 сантиметр калыңдыкта коюп, 30-40 сантиметр чамасында ичин текши чуңкурайтып оюп болуп, жарылып кетпестик үчүн түбү жана кыры жагынан темир зым менен толгоп жасалат.

Сок билек. Сокунун ичине салганда айланасында үч эли чамасында боштук калгандай катуу, кургак жыгачтын сокуга салган учун томолоктоп, текши жасап, ичине салганда сокунун кырынын удулунан эки эли өйдө жагынан оюп, эки кол менен эки жагынан тутамдап, чың кармалгындай кармооч жасап болуп, сокуга куурган арпаны салып гүүшөп кылканын талкалап чыгарууга колдонот. Ал эми байыркы доордо эмчиликте кээ бир дарыларды майдалаш, талкандаш үчүн колдонгон.

Элгек же калбыр. Жыгач менен жылкынын куйругун керек кылып түрдүү аргалар менен дайындалган, дарыларды элгеп керектелүүчү бөлүгүн же майдасы менен кесегин ажыратып алуу үчүн колдонулат.

Ченем идиш (кемчен). Кой, эчки, жейрен сыяктуу кичинекей мүйүздүү жаныбарлардын мүйүзүнүн ичиндеги үлүгүн алып таштап, чоң-кичиктигин керектүү мөлчөөлөрдө ченеп, кырын текши кесип учу жагынан жасалган. Сыркоологон кишинин жашынын чоң-кичиктиги, оорунун оор-жеңилдигине карап, дарыларды ченеп салып берүүчү буюм.

Жогорудагы буюмдар Манас доорунда, андан кийинки доорлордо да кыргыз элдик дарыгерчилигинде кеңири колдонулган. Кыргыздар жоого кошуун кеткенде алар менен кошо «көчмө фармацевтикалык өндүрүш», «көчмө аптека» дагы кошо кеткен. Алардын ичинде дары жасоочулар жана дарыларды элдик дарыгерлерге берүүчүлөр болгон. Ошол эле кезде ар бир жоокер эң биринчи жарат алганда, же талаа-түздө ооруп калганда өзүнө өзү дары колдонуу ыкмасын үйрөнгөн.

[1] Ботоканова Г.Т. Традиционные знания (философский анализ). – Б.: Кут-Бер, 2015. – 298 с.

[2] Чомо уулу Д. Табыпчылык – улуу сыр: кыргыз элдик медицинасы. – Б.: “Бийиктик”, 2008. – 17-18-бб.

[3] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Б.: 2010. – 1545-б.

[4] Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 2-китеп. – М.:

[5] . – 45-б.

[6] Чомо уулу Д. Табыпчылык улуу сыр. – Б.: 2008. – 82-б.

[7] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Б.: 2010. – 1545-б.

[8] Ботоканова Г. «Манас» эпосундагы элдик дарыгерлик боюнча салттуу билимдер // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 546-547-бб.

[9] Тентигул кызы Н. «Манас» эпосундагы салттуу хирургия жана анын айрым методдору // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 563-б.

[10] Манас. Ж.Мамайдын варианты. – Б.: 2014. – 18-б.

[11] Чоротегин Т.К. «Манас» дастаны жана Борбордук Азиядагы көөнө жазма маданият // 2016-жылдын 15-январында Бишкек шаарында А.А.Акматалиевдин 60 жылдыгына карата болуп өткөн «Манастан Чыңгыз Айтматовго карай: проблемалар жана көз караштар» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын материалдары. // Тил, адабият жана искусство маселелери. – Б.: 2016, №1. – 4-б.

[12] Жуманазаров Х. Термины народной медицины, переведенные в произведении М.Кошгари «Девону лугатит турк» // 2016-жылдын 21-23-апрелинде Чыгыш университетинде болгон «Махмуд Кашгари-Барсканинин дүйнөлүк илимге кошкон саламы» аттуу 2-Эл аралык илимий-практикалык конференциянын баяндамаларынан жыйнагы. – Б.: Чыгыш университети. – 2016. – 39-б.

[13] Ашыралиев К.: «Кыргызга кымыз менен эт жакпаса – анда иш бүткөнү». Маектешкен Ж.Эдигеев //Агым, 2007, 5-июнь

[14] Чомоев Д. Кымыз кайсыл дартка даба, кайсыга зыян. Даярдаган З.Капарова // Жаңы агым, 2016. – 25-март. – 17-б.

[15] Айсабек к. Б. Залкар манасчы Жүсүп Мамай айтуусундагы «Манас» эпосундагы тамак-аш маданияты болгон бозо жөнүндө //«Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимийтажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 52-56-бб.

[16] Бул маалыматтарды биздин сунуш боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун МТМИнин 2015-жылдагы бүтүрүүчүлөрү Э.Өскөнбаева, Б.Урматбек кызы эл арасынан жыйнап келген

[17] Молдо Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О. Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – …б.

[18] Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны. Арноолор, маектер, эсселер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, жарыяланбаган чыгармалар. Түз.: Абдыкерим Муратов. – Б.: Турар, 2016. – 160-б.

[19] Жусупов К. Байыркынын издери. – Б.: 2001. – 92-б.

[20] Үсөйүн ажы. Кыргыз элинин диний ишеними жана салт-санаасы жөнүндө / Кыргыздар. 10 томдук. Түз. К.Жусупов, К.Иманалиев. 4-т. – Б., 2004, 439-б.

[21] Мамай Ж. Жусуп Мамайдын жай ташы. Жазып алган Ч.Субакожоева // Алиби, 2013. – 10-май

[22] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул, 2003. – 9-б.

[23] Ашыралиев К. Тамырчы Мамбет [Электрондук ресурс: http:// traditionalknowledge.org/]

[24] Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны. Арноолор, маектер, эсселер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, жарыяланбаган чыгармалар. Түз.: Абдыкерим Муратов. – Б.: Турар, 2016. – 164-б.

[25] Мамедов Р. Эки оңко тургузган мергенчи // Кыргыз туусу. – 2011, 8-нояб.

[26] Алтайско-русский словарь http://altai-mountains.ru/articles/ dictionary/altrusdic?idnews=3343

[27]  http://gorno-altaisk.info/files/bukva_k.pdf

[28] Сыдык уулу Д. Жүсүп Мамай варианты боюнча «Манас» эпосундагы кыргыз эмчилигинен учкай баян //«Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 70-75-бб.

ЭЛДИК МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМДЕР

Биз азыр узундукту – километр, метр, сантиметр; ал эми салмакты – тонна, центнер, килограмм, грамм, литр; убакытты болсо – саат, минута, секунд деп өлчөйбүз. Ушинтип атоону биротоло үйрөндүк. Албетте, бул терминдер эне тилибизге Кеңеш бийлигинин мезгилинде, кечээ жакында, гана келип кирди. Биз кошулган өлкөдө 1918жылы азыркы өлчөө бирдиктерине өтүү жөнүндө чечим чыгып, 1927-жылы эскилерин колдонууга биротоло тыюу салынды. Ага чейин деле, байыртан тартып кыргыздар оордукту, узундукту өлчөөнүн ар кыл ченемдерин, бирдиктерин колдонуп келген, ошол тамырлар кыркылды да, биз азыр көбүбүз эски өлчөө бирдиктерин билбей калдык. Баарынан да азыркы жаштар ошентип ойлошот. Ошентсе да күнүмдүк кебибизден, өзгөчө улуу муундагылардын оозунан «бир тутам», «аркан бою», «бир эт бышым», «кемпир шабдаалы жегиче», «бир ууч», «бир кочуш», «чексе» сыяктуу сөз айкаштарын көп эле учуратып келатабыз.

Деги биздин элде илгеритеден кандай сөздөр колдонулган жана алардын маанилери кандайча болгон?

Бул математикалык билимдер жана түшүнүктөр «Манас» эпосунда кандайча чагылдырылган?

Бийиктикти, узундукту өлчөөдө адамдын дене-мүчөлөрү жана алар күнүмдүк колдонгон буюмдар менен ченеп-өлчөө өзгөчө орунда турган. Алардын айрымдары кичинеден – чоңго, жапыздан – бийикке, жакындан – алыска карай мындайча:

Узундук, аралык боюнча: эли, сөөм, муун, мөөн, карыш

(кере карыш; мерген карыш; укум карыш), укум (бул кээде аянтты өлчөөдө да колдонулат, мисалы, «бир укум жер»), тапан, кулач, аттам, кез, кадам, чыпалактай, бармактай, чыканактай, эшик-төрдөй, бир кадам, эки аттам, бута атым, чакырым, тай чабым, кунан чабым, ат чабым, бир күндүк, бир айлык, алты айлык, жылдык ж.б.

Бийиктик боюнча: кызыл ашыкка чейин, тизеге чейин, киндикке чейин, көкүрөккө дейре, тумшукка чейин, кишинин боюна тең, кишини көмө тургандай, тушардай, тизе бою, киши бою, кереге бою, үй бою, укурук бою, аркан бою, төө бою ж.б.

Калыңдык боюнча: кылдай, аркандай, бычак мизиндей, ийненин сабындай, бычактын сыртындай, бир эли, эки эли, үч эли, төрт эли, таман ж.б. Мисалы, кардын калыңдыгын «чил изи», «карга изи», «кызыл ашыктан», «тушардан», «омуроодон», «адам бою», суунун киргенин «ат агызгыдай», «аттын кара капталынан» ж.б. өлчөмдөр менен туюндурган.

Жоондук боюнча: тутам, билектей, сандай, кишинин белиндей, өгүздүн белиндей, кулач, кере кулач ж.б.

Аянт боюнча: алакандай, үйдүн ордундай, короодой, боз үйдүн ордундай, ордо талаасындай, көчүк айланбас, улак тартчудай ж.б.

Ошондой эле убакытты, аралыкты ар кандай буюмдар жана белгилер менен өлчөшкөн: көз ирмем, көз ачып жумганча, чай кайнам, аш бышым, эт бышым, камчы сап, аркан бою, ыргыткан таш жетчү, үн угулчу, көз жетчү, найза бою, терек бою, үзөңгүгө чейин, кереге бою, аркан бою, бута атым ж.б.

Ар түрдүү жаныбарлардын басыгы, жүрүшү ж.б. кыймылдары менен өлчөө: куш учкан жерге чейин, куш жетпес жер, ат чабым, тай чабым, чилденин чыгышы чил арымы менен жүрөт, карга изи кар, аюудай өкүрдү, аттан эгиз, иттен пас, карышкырдай улуйт, күлүктөй сызат, эликтей секирет, коёндой аттайт, эшектей айкырат ж.б.

Салмакты өлчөөдө да адамдын жашоосундагы колдонгон дене-боюнун бөлүктөрү жана өлчөм бирдиктери пайдаланылган: ууч, кочуш, чексе, кадак, батман, пуд, чөйчөк, байса, капсан, бир тойгудай, бир казан, чейрек, бир кесим эттей, кол кесердей, бир сан эттей, бир койдун этиндей, бир улактын этиндей, бир төөнүн этиндей ж.б.

Суюктуктарды өлчөөдө: бир табак, көнөк, чака, көөкөр, саба, бир байлам суу, бир ууртам, бир жутум, бир аяк, бир кесе ж.б.

Түштүк Кыргызстанда дубалды пакса менен урат, бир пакса болжолу 40-50 сантиметр келет, андыктан «эки паксадай», «он эки паксадай» деген сөздөр бийиктикти болжолдуу ченөөдө пайдаланылып келген.

Убакытты: чагылган бир жарк этип жок болгончо, отуруп-турганча, кийим кийгенче, кирип-чыкканча, даарат алып келгенче, намаз окуганча, бээ сааганча, бир тук этип алганча, бээ саам ортосунда ж.б. түшүнүктөр менен түшүндүрүшөт жана түшүнүшөт.

Мына ушулардан баары элдин күнүмдүк тиричилигинен келип чыккан жана алар жалпы эл үчүн түшүнүктүү болгон.

«Манас» эпосунан үзүндүлөр менен таанышып көрөлү:

Алар айтып болгончо,

Аш кайнамга толгончо (СО, 520)

Асмандан кетип жок болду,

Аш кайнамдай токтолду (СО, 560)

Төгүп канын акыркы,

Эт бышым койбой жапырды (СО, 2, 213)

Эч бир кеби жок болду,

Эт бышымдай токтолду (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 21)

Ат коюшуп калышты,

Аш кайнамга калбады (СО, 2, 213-214).

Аш кайнамдай токтолду (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 47)

Канчоро камбыл туу бээни,

Чай кайнамда сойду эле (Семетей, 3-китеп, Мамай, Б., 1995, 5).

Чыканак жерге салайын,

Чырм этип уйку алайын (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 295).

Бачым алып кел деди (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 43)

Көз жеткен жердин баарынан (Манас, 1-китеп, СО,1978, 99)

Бел ашырды жапырып (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 114)

Жалгыз чака пул (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 116)

Мындагы баары үчүн түшүнүктүү болгон нерсе жана эл турмушунан келип чыккан көрүнүш – аш кайнам, эт бышым, чай кайнам, чырм эткен уйку, бачым, көз жеткен жер, бел ашыруу, жалгыз чака ж.б.

Кыргыздар байыркы доордон эле азыркы биз колдонгон эсептик жана иреттик сандарды колдонгон, бөлчөк сандары да болгон. Мисалы, «Манас» эпосунда:

Төрт миң (СО, 2, 213), алтымыш миң (СО, 2, 213) ж.б.

Алмамбет кыргыз колун мындай курап, санын алуу үчүн эсепке ылайыктайт (текст үзүп-үзүп жана каашанын ичине кошумчаланып берилет – М.А.):

Сегиз, тогуз, он калды,

Ону болгон жерине

Бир кишини чоң кылды (онбашы) Жүзүн санап алганы,

Жүз адамга бир адам (жүзбашы)

Миңин санап алганы

Миң кишиге бир киши (миңбашы) Оң миң (баатырбашы)

Жүз миң барып бек кылды (бек)

Отуз болду бек саны (үч жүз миң) Он миң деген бир түмөн (түмөн, түмөнбашы)

Бек белгиси туу болду.

Он миңге керней келтирди. Туу саны отуз болуптур.

Турганга дүйнө толуптур, Үч жүз керней бапылдап, Үч миң сурнай такылдап,

Байрактын саны отуз миң, Баашада мындай болгон ким?!

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 124-125)

Мына ушундай эсеп алуу, аскерди ушундайча тизүү, согушка даярдоо, жөнөтүү, бөлүп жүрүү, чабуулга киргизүү, майданда туш-тараптан кол салуу аскердик стратегияны жана тактиканы математикалык билимдерге таянып жүргүзүүнү талап кылган. Ал эми баатырдын айланасында кырк чоро жүргөн. Мына ушул тартип, математикалык эсеп, тактык дүйнө жүзүн согуш менен солкулдаткан А.Македонский, Чыңгыз хан, Эмир Темир сыяктуу жаангерлердин тактикасында да учурайт. Эгерде ошол онбашылар, жүзбашылар, миңбашылар, баатырбашылар, бектер, түмөнбашылар эсептей билбегенде, колунан санын каттай албаганда анда Манастын жеңиштери болмок эмес. Ал эми колду саноо – эсеп билимин талап эткен татаал көрүнүш. Бул цифраларды дастанды угуп отурган жөнөкөй кишилер да түшүнүүгө тийиш болгон.

Эпосто так айтылган сандык түшүнүктөр көбүнчө мындай эсептөөлөрдө колдонулат:

Аскер (кол) санын каттоодо:

Алты жүз кытай келгенге, алдырайсың каласың (СО,1977, 1, 253)

Жапандан кырк миң кол алып,

Кызылуюк дөөнү алып, Жилинден жүз миң кол алып,

Мадыкан деген зорду алып.

Казактан он миң камданып,

Жүрмөкчү болуп Таласка,

Кас санамак кыялы,

Олуя азыз Манаска (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 8).

Эп келсе, сага Семетей,

Элдин санын жүз миңге,

Бир толтуруп салалы (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 10).

Манжудан келди Мадыкан,

Артындагы аскери,

Кем эмес бирөө жүз миң жан.

Үмүтөй менен Керимбай,

Санатын он миң толтуруп (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 19).

Жапандан келген кырк миң кол (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 28).

Семетейдин аскеринин алты сан (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 156-б.) болгону айтылат.

Аскери алты сан болуп (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 12)

Түмөн аскер баралык (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 14)

Түмөн аскер алалы (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 38)

Жүз миң түмөн кол алды (Манас, 4-китеп, СО, 1982,38)

Артыш басып жол менен,

Алты түмөн кол менен,

Астында жүргөн Жамгырчы (Манас, 4-китеп, СО,1982, 38)

Санды түмөн кол алып,

Көкчө жүрдү Манаска (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 38)

Санды түмөн кол келсе,

Сапырып кырып жөнөйүн (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 296).

Жеке башы Санжынын

Жети түмөн кол менен

А да жолго салганы (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 39)

Эки жүз миң кол алып,

Энди келсин Музбурчак (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 39) Он жүз миң орчун уланды.

Сексен төрт турган чорого (Манас, 4-китеп, СО, 1982,57)

Ушул жерден санаса,

Отуз жүз миң болуптур (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 74) Отуз түмөн орчун кол (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 101).

Жыйганың отуз түмөн кол (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 114)

Очогор аткан он жүз миң (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 311).

Кыргыз колу Бээжинге аттанардагы аскер саны: Отуз түмөн кол эле (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 82), же муну мындай түшүндүрөт: Жүз миңден отуз жык болуп (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 82). Аны эсеп менен санасак 30 Х Түмөн (көп адабияттарды 10000 бир түмөн деп берилет) = 300.000 же экинчи мисалда: 100000 Х 30 = 3.000.000.

Жүз миңи жүзгө толгону,

Эр Коңурбай токсон миң,

Эртелеп жүрмөк болгону (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 294).

Ак асаба буластап,

Абаң Бакай жол баштап,

Кырк баатырдын баарысы

Кырк миң черүү кол баштап (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 326).

Мына кыргыз колу кырк миң болсо, ошолордун башчысы кырк баатыр (кырк жигит) экендигин көрөбүз. Мал жана жан санын алууда:

Кызматкер балдар кырк эле (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 24)

Байталдан сойгун кырк деди (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 32)

Кырк бала болду жолдошум (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 40)

Жакыпка уулдуу болгону тууралуу сүйүнчү айтып келген Акбалтага «Төрт уруу малдан төрт тогуз ал» дейт (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 69).

Азар-түмөн жылкынын

Астында Күрөң баштаган (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 287).

Адырда жылкы алты сан (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 5-б.).

Адырда жылкы алты сан,

Тоодогу жылкы токсон сан (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф.,1960, 27-б.).

Жаш эсебин, курагын белгилөөдө:

Төрт асый болгон мал экен (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 153) Адамдын байлыгын айтып малын саноодо:

Кырк миң алтын пул берип (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 106).

Жыйырма чейрек алтын (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 134).

Камбар боздун үйүрүнөн, кармап келип тогузду (СО, 1977, 1, 262)

Беш түлүктөн мал жыйдым

Беш чака пулча арам жок (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 16-17)

Айдаган жылкым сан болду (Манас, 1-китеп, СО,1978, 18)

Эр Кыязга караштуу,

Адырда жылкы алты сан (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф.,1960, 129-б.).

Үй-жан эсебин алууда:

Манжудан келген Мадыкан,

Айдаганы жүз миң жан (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай,Б., 1995, 45)

Кызылуюк жапандан,

Жүз элүү миң жан келди (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 45)

Жети сан кара жедигер (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф.,1960, 58-б.).

Туугандык катышын аныктоодо:

«Жети атанын балдары» ж.б.

Узундукту белгилөөдө эсептик санга дагы башка сөздөр кошулат:

«Алты кулач ак кийиз», «Он алты кулач бою бар» ж.б. Салмакты, бойду белгилөөдө:

Мадылкан: Түрү суук жалгыз көз,

Жоондугу он бир кез (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 57).

Бастек бойлуу, керк беттүү (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 58).

Оордугу келет миң батман (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 53).

Узарыптыр өз боюм,

Бир жүз отуз кез болуп (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 23) Аралыкты белгилөөдө:

Мисалы, Мадылкан менен Семетей жекеме жекеге чыкканда ал экөөнүн аралыгы:

Өкүрөңдөп жүгүрүп,

Өтө берди төрт бута (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 87).

Качырышып сая албай,

Бирине бири бара албай.

Ортосу алыс төрт бута,

Экөө турду түз талаа (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 87).

Мында жекеме-жекеге чыгуунун шарты көрсөтүлөт, ал үчүн аралары төрт бута болушу керек. Бул өзүнчө аралык, б.а., жоокерлер жаанын жебеси жете турган жерге бута коёт, мына ошол аралык бир бута атым делет, мына ошондон төртөө болуп жатат.

Туңша, Кентун арасы

Кере күндүк жол экен (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 268). Көлдөлөңдүн туурасы

Көрөр болсоң алты таш (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 271).

Коңгуроосун бир урса,

Тогуз күндүн жолуна

Ырас экен тийими (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 294).

Он күндүк жерге барыптыр (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 149).

Орто жерге келгенде,

Олтуруп алды бир жерге (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 35).

Чак деген үнү көп элге,

Үч күнчүлүк жерлерге,

Үйдөкүдөй угулду (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б.,1995, 53).

Тереңдикти, бийиктикти көрсөтүүдө:

Төрт бута келет бийиги (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 21).

Баш-аягы жүз бута (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 149).

Алты найза бою муз (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 147).

Калыңдыгы каткан муз,

Тогуз аркан бою бар (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 149).

Капсалаңдын кара суусунун тереңдиги мындай:

Аяк менен башына,

Аргымак салса ойнобойт,

Найза сайса бойлобойт (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 278). Убакытты көрсөтүүдө:

Чырым уйку алышты (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 27).

Аш кайнамда сен келдиң (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай,Б., 1995, 44).

Эсепсиз көптүктү, баатырдыкты, алптыкты ж.б. туюнтуучу сөздөр:

Уй түгүндөй кол менен (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 138).

Аккан селдей толкуну (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 140).

Ат көтөргүс дөөлөрдү (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 141).

Эки жактын өлүгү,

Эттен бүткөн тоо болду,

Ат өлүгү зоо болду (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 141).

Орто тоодой көрүндү,

Жапандан келген Кызыл дөө (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 36).

Эсептик сан атоочтор башка бир зат атоочтордун алдына келип, алардын аз же көп экендигин туюндурат: «Төрттөн аркан, төрттөн кап», «үч унаага бирден эр», «айры өркөчтөн алты миң, нардын саны толук миң, нар санаты жети миң», «Он миң киши аш азык» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 446-б.) ж.б.

Ошондой эле «Манастын» С.Орозбаков айткан вариантында азыркы биздин эсептөө системабызга туура келбеген сандар да кездешет, алар:

Он беш жүз миң сексен миң (СО, 2, 338),

Он эки жүз миң (СО, 2, 343)

Жүз миң отуз тогуз миң (СО, 2, 338) ж.б.

Жоокерчилик заманда элдин, анын ичинде согушка жараган калктын, мингич унаалардын, соё турган малдын эсебин алуу өзгөчө мааниге ээ болгон. «Манас» эпосундагы маалыматтарга таянсак кадимкиден жан каттоо, эл эсебин так алуу жүргүзүлгөн. Мисалы, Алтай жеринде жаткан кыргыздардын санын алуу үчүн эл каттоо өтөт:

Эл эсебин алышып,

Элди катка салышып,

Алтайлыкты санашса, Аяк-башын караса, Токсон алты миң болду.

Ал мезгилде азыр биз колдонбой калган эсептик сандар да пайдаланылган, алар:

10 000 – түмөн 100 000 – илек

1 000 000 – он жүз миң, же он илек

1 000 000 000 – милек

Манас Аккуланы көргөндө айтат:

Токсон илек кол алып,

Торгуулга минээр мал экен, Сексен илек кол алып,

Серпишке минер мал экен.

Же дагы Жусуп Мамайдын вариантында:

Алмамбет султан жол баштап,

Элүү төрт илек кол баштап,

Түрк уланы келген дейт (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 98).

Канчалык илек кол келет (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 28-б.).

Кыяз Айчүрөккө карата мындай деп айтат:

Болжоосуз Чүрөк сен үчүн,

Чачпасам илек малымды (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 35-б.).

Күлчоро Бакай абасын мындай мүнөздөйт:

Болоттон айза аштаган,

Илектеп түмөн кол чыкса,

Бир адамдай баштаган (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф.,1960, 187-б.)

Мында манасчылар ошол кездеги эсеп санын айткандыгы менен баалуу. Болбосо азыркыга салып паланча миллион, түкүнчө миллион деп айтып ийгенде эпостун тарыхый баасы бузулуп кетмек. Кыргыздарды кытайлар элүү жүз миң кол менен чаап кеткени тууралуу сөз болгон жер менен кездешебиз. Бул деген кыргызга каршы 5 000 000 аскер келди дегендик.

Математикалык сандар – элдин жана жеке адамдын символу, тагдыры болгон. Алардын айрымдарын карап көрөлү:

Бир саны: башталыш, «Бирдики – түмөнгө», «Бир» дейсиңби, «эки» дейсиң».

Үч саны: аалам үч бөлүктөн турат: асман, жер, көйкап; үч жолу (элдик жомоктордо үч жолу айтат, үч жолу барат, үч айрылыш жол, үч күн-үч түн ж.б.); үч арсыз: күлкү, уйку, тамак; үч токтоолук: ой, акыл, чечим; үч из – бала, байлык, бакыт; үч кадыр-барктуу нерселер: ырыс, дөөлөт, бак жана үч кадыр-барксыз нерселер: жаштык, ден соолук, жакшы жар; үч таттуу: мал, жан, жар; үч кубат: акыл, жүрөк, тил; кызыр (кыдыр) адамга үч жолу жолугат ж.б. Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунда Чыйырды үч түрдүү жаныбардын (жолборс, илбирс, зымырык куш) үч түрдүү органына (тили, көз майы, жүрөгү) талгак болуп, Манас ошол үч түрдүү жаныбардын белгилерин алып жүрөт. Аккула Чыңгыш хандын чаар бээсинин үчүнчү кулуну, ал Жакыптын колуна келгенден кийип үч жыл туубай, үчүнчү жылы тууйт.

Төрт саны: төрт түлүк: жылкы, кара мал, төө, жандык; төрт тарап (багыт): чыгыш, батыш, түндүк, түштүк; ааламдын төрт негизи: от, суу, аба, жер (топурак); төрт мухит: Түндүк муз, Инди, Тынч, Антлантика; төрт мезгил: жаз, жай, күз, кыш ж.б.

Беш саны: беш маал (намаз маалдары); беш каруу-жарак: садак, найза, кылыч, айбалта, чокмор; баш манжа: баш бармак, сөөмөй, ортон, аты жок, чыпалак; улуттук тамак – бешбармак ж.б.

Алты саны: алты айлык бала; алты айлык жол; алты канат ак өргө; алты батман, алты карыш ооз, алты карыш бой, алты бакан селкинчек ж.б.

Жети саны: Жети кабат асман: Ай, Күн, Меркурий, Чолпон, Сатурн, Марс, Юпитер; жети журт: Урум, Кырым, Кытай, Туран, Шам, Мысыр, Чын-Мачын; жетинин бири – кыдыр; Күн нуру жетиге бөлүнөт; кыргыздар жети нурга сыйынган; жети ата; жети казына: эр жигит, сулуу аял, илим-билим, күлүк ат, түз мылтык, алгыр куш, тайган; жети күн-жети түн; жети жетим: тыңдалбаган сөз, ээсиз жер, кийилбеген кийим, башчысы жок эл, жеринен айрылган эр, аккуу-казсыз көл, доссуз адам; жети кабат Жер асты: туңгуюк, жылан, суу, балык, кара таш, көк өгүз, жер; жети жут: кургакчылык, өрт, зилзала, топон суу, абанын бузулушу, согуш, мал кыргыны;  жети жок: асманда – тирөөч, жерде – көтөргүч, ташбакада – талак, Аллада – боор, жылкыда – өт, ташта – тамыр, кушта – сүт; табияттагы жети байлык: көк асман, Күн, Жер, Ай, от, суу, ит; ички жети хан; сырткы жети хан; жигитти жети нерсе колдойт; жети түрдүү дандан көжө, сүмөлөк жасоо; жети үйгө кирип айттоо; жаман түш көргөндө жети аяк тамак жасап, жети адам менен бөлүшүп ичүү ж.б.  Жусуп Мамайдын «Семетей» эпосунда «Жети кыраан эли» деп айтылат. Баатырлар жекеме-жеке чыгып, чарчап-чаалыкканда мөөнөттүү жооп бергенде «Бер жагы эки күн болсун, нар жагы жети күн болсун» дейт (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 99).

Тогуз саны: аалам менен адамды тогуз теңир карап турат: көк теңири (көкөтеңир) эң башында, андан кийин жер теңири, от теңири, суу теңири, күн теңири, ай теңири, жылдыз теңири, ата-баба теңири, арбак теңири; тогуздап калың берүү; бейгеге тогуз баш байге коюу; айыпты тогуздап тартуу; кунду тогуздап төлөө; тогуз табак; тогуздап тон коюу; тогуз кийит берүү; тогуз коргоол оюну; сүттөн (актан) тогуз түрдүү даам (сүт, айран, каймак, сары май, чөбөгө, сүзмө, эжигей, быштак, курут) жасап, дасторконго коюу; отко кирген жаңы келин коломтону тогуз жолу айланат; баланы курсакта тогуз ай көтөрүү, тогуз жолдун тоому; тогуз бээ түлөө айтуу; тогуз күн толготуу ж.б. Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунда жаңы туулган Манас тогузга чыккан баладай деп айтылат. Ал тогузга чыкканда Буурул-Токой деген жеринен чыгып, чачылып кеткен туугандары Бакайды, Жамгырчыны, Ак балтаны, Кошойду табат. Тогуз жашында жоого каршы аттанып, жеңишке жетет.

Кырк саны: кырк уруу кыргыз; баланын кыркын чыгаруу; кырк кашык сууга киринтүү; кырк үйдөн жамачы алып келип кырк көйнөк кийгизүү; баатырларды жандап жүргөн кырк жигит – кырк чоро; кырк чилтен; кызга кырк үйдөн тыюу; маркумдун кыркын берүү; кырк күнкырк түн; кырк жолдош, кырк күндүк жай чилде, кырк күндүк кышкы чилде; күлүк атты кырк күн жер астында багуу; сүйгөнүн кырк күн күтүү ж.б. Жусуп Мамайдын «Семетейинде» «Кырк келин, кырк кыз, кырктын башы кызыл кыз» деп айтылат.

Кыргыздын сан түшүнүктөрүн жуңголук манастаануучулар Токобай Турсунбайдын «Манас» эпосундагы сан түшүнүгү жөнүндө», Абдыкерим Рахмандын «Манас» эпосундагы түс жана сан түшүнүгү», Токтонур Ааматтын «Кыргыздардын сан түшүнүгү жана анын «Манас» эпосунда чагылдырылышы» деген макалаларында бир топ дурус изилдешиптир. Улуу-Чат оодандык тажрыйба орто мектебинин окутуучусу Т.Турсунбай уулу кыргыздын элдик ишенимдери жана дүйнө таанымдары менен терең айкалышып кеткен кырк, тогуз, жети, үч деген төрт сандын символикалык белгилерин төмөнкүдөй чечмелейт:

Кырк: 1. Кыргыз этнониминдеги уруулар.

  1. Чексиздикти, көптүктү билдирет.
  2. Касиеттүүлүккө, сыйкырдуулукка ээ болуп, алдын ала аян болуу маанисин билдирет.
  3. Уюл таштай уюган ынтымактын, биримдиктин символу.

Тогуз: 1. Теңир колдогондуктун символу, теңирден тилек тилөө, теңирге сыйынуу маанисинде.

  1. Ак жолтойлуктун, күч-кубаттын символу.

Жети: 1. Нурга сыйынуу, табынуу маанисинде «нур тотем» көз карашын билдирип келген.

  1. Колдоочу олуя катары ыйык саналып келген. Үч: 1. Көк теңир колдогондун белгиси.
  2. Жеңиштин башаты, ак жолтойлуктун символу[1].

Жогорудагы ыйык сандар эпостун тексттинде кайракайра кайталанат, алар жөн гана механикалык кайталоолор болбостон, аларда элдин ишеними, символдору камтылган.

Иреттик сан атоочтор адамдын жетилүүсүн, бышуусун, өмүр жашын көрсөткөн учурлар элдик оозеки чыгармаларда кеңири учурайт, алсак:

Жетисинде Семетей, Жетик окуп кат таанып. Сегизинде Семетей, Ар өнөрдү жатка алып. Тогузунда Семетей, Тобурчак аттай тапталып. Он жашында Семетей, Алоолонуп от болду.

Он биринде Семетей, Ок жыландай октолду.

Он экиге келгенде,

Ойротто мындай жок болду[2].

Алтымыш жана алтымыш эки саны да эпосто кайракайра кайталанып колдонулат:

Сенин атаң шер Манас

Алтымыш эки нар алып, Ак куржунга зер алып.

Алтымыш жорго айдатып…[3]

Алтымыш эки нар айдап,

Аяктай кебез байлаган,

Алтымыш кызыл жорго айдап, Акункан менен кан Манас,

Бул куда болгон жери бар[4].

Мындагы алтымыш жана алтымыш эки деген сан атоочтор эмне үчүн колдонулуп жатат? Жөн гана стихиялуу десек болбостур, бул сандарда да кандайдыр бир магиялык сырлар жатат.

Жалаң эле жогорудагыдай туруктуу сандар эмес, башка көп урунула бербеген сандар да колдонулган учурлар бар. Мисалы, Гүлчоронун (Жусуп Мамайдын вариантында Күлчоро эмес – Гүлчоро) шамшары кырк сегиз кулач узарат (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 145).

Эл өлчөө бирдиктерин күнүмдүк практикасында колдонуп, аларды кошуна элдер менен болгон соода-сатык мамилелеринде орток бирдик катары урунган. Мисалы, алардын айрымдары.

Оордукту (салмакты) өлчөөнүн бирдиктери: Батман – бул салмак бирдиги Олуя-Ата, Талас өрөөнүндө 12 пудга (бир пуд 16,38 килограммга барабар), Ош, Жалал-Абад, Алай тараптарда 8-10 пудга (131-163 кг) тең келген өлчөм. Кээде бир батман эгин эгилүүчү жер (болжолу эки теше) да ушундайча аталган. Дирхам (дархам) – 3-3,5 граммга барабар келген күмүш акчанын бирдиги. Мыскал – 4,5 граммга ылайык келген салмак өлчөмү. XIX кылымда жүз даана арпа даны да бир мыскал аталган. Пайса – 25,6 граммга барабар салмак бирдиги. Сер (зер) – батмандын кырктан бир бөлүгү. Чексе (чакса – түштүк диалектиде) – 5-6 килого барабар өлчөм. Чейрек – кайсыл бир өлчөмдүн (батмандын, чексенин ж.б.) төрттөн бир бөлүгү. Мисалы, бир пуддун чейреги – 4,1088 кг. Арпа – 0,05 грамм. Кадак – 409,5 грамм. Кап – 4-8 пуд.

Узундукту (аралыкты) өлчөөнүн бирдиктери: Гез (газ) – кишинин керилген колу менен өлчөнөт, бир колунун учунан экинчи колунун колтугуна чейинки аралык өлчөмү. Мил – 2 километрге барабар узундук. Бул деңиз мили (1852 метр) жана географиялык мил (7240 метр) менен дал келбейт. Чыгыш элдеринде байыртан бери эле колдонулган. Балким европалыктар да чыгыштан, түрк элдеринен угуп, пайдалангандыр. Фарсах (фарсанг) – 12 000 метрге жакын аралык. Араб сөзү. Бир фарсанг (фарсах) 8 чакырымга, же 8,5-9,5 километрге тең. Х кылымда биз тарапка келген араб жеркезери Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммед ал-Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик» («Мамлекеттердин жолдорунун китеби») деген эмгегинде Оштон Медвага (азыркы Мады кыштагы) чейинки аралык эки фарсах деп жазат. Таш – негизинен фарсахка дал келүүчү аралык өлчөмү. Эгер фарсах араб тилинен кирген болсо, таш (жыгач деп да айтылат) атамасын түркий тилде сүйлөгөн элдер көп колдонгон. Кары – 164,45 сантиметрге барабар өлчөм.

Аянтты (майданды) өлчөөнүн бирдиктери: Танап – төрт тарабы 60 гез болгон (3 600 квадрат гез) жер, аянт. 1820 квадрат метрдин айланасында. Гектардын алтыдан бир бөлүгү (айрым адабияттарда ушинтип көрсөтүлөт) ж.б.

Калмактарда (Элистадагы) негизги 17 сан аталган: неген (1), хойер (2), горвн (3), дервн (4), тавн (5), зурган (6), делан (7), нямн (8), йесен (9), арвн (10), дечн (40), зун (100), мингн (1000), тюмн (10000), бум (100000), сайя (1000000), джова (10000000), джунгшур (100000000). Алар башка сандарды куроого жардам берген. Буларга кошумча «олон» (көп), «дегед олон» (аябай эле көп), «шора» (чаңдай көп) дегендер айтылган. Мындагы миң жана түмөн дегендери биздегидей болуп жатат. Геометриялык түшүнүктөрү дервелджин (квадрат), дервелджин алд (квадратная сажень), горволджин (үч бүрчтук), тегриг (тегерек) деп түшүндүрүшкөн. Аралыкты дуна, дуна газр дешкен, мындагы «дун» сөзмө сөз которгондо «үн», демек, алар үн жете турган жер деп белгилешкен[5].

Калмактар сыяктуу эле Батыш Сибирде жашаган бардык эле элдерде алардын турмуш-шартына, колдонгон буюм-тайымдарына ылайык математикалык түшүнүктөрү болгон XX кылымда алардын баары жалпы дүйнөлүк терминдерге өтүп кетишти.

Өмүрбек Асан уулу Фейсбуктагы баракчасында элдик чен бирдиктерин мындай чечмелейт[6]:

  1. Узундук, бийиктик чен бирдиктери: Таш – болжол менен 8 чакырым (км) аралык. Кез – бир колдун учунан экинчи колдун колтугуна чейинки аралык, 105 см.барабар. Сере – болжол менен 5-6 см. барабар. Бута – жебенин учуу аралыгы. 60 метрден 100 метрге чейинки аралык. Зар – бийиктик (калыңдык) чен бирдиги. Болжол менен 28 см. Кары – көкүрөктүн ортосунан сунулган колдун манжасынын учуна чейинки аралык. Болжол менен 1 метр. Кулач – эки колду кергендеги колдордун учтарынын ортосундагы аралык. Болжол менен 1,50-1,70 см. барабар.

Кере кулач – төштү кере тарткан кулач. Эли – сөөмөй же башка манжалар калыңдыгы. Көбүнчө кара малдын эттүүлүгүнө карата айтылат. Укум – болжол менен 1-1,5 см. Сөөм – манжанын үчтөн бир бөлүгү. Карыш – алаканды кергендеги бармак менен ортондун учтарынын ортосундагы аралык. Болжол менен 18-20 см. Кылдай – өтө эле ичке. Кыпындай – көзгө көрүнөөр-көрүнмөксөн. Бычак мизиндей – бир нерсеге бычак менен салгандай ичке. Таман – төрт элини билдирген (кара малдын эттүүлүгүнө карата айтылат). Ат чабым – 25-30 км. аралык. Тай чабым – болжол менен 3 км. Кунан чабым – 8-10 км. аралык. Тапан – адамдын таманынын узундугу. Болжол менен 25-30 см. Тизе бою – адам тизесине чейинки бийиктик. Болжол менен 0,5 м. барабар. Тушардан – жылкынын тушамышына чейинки бийиктик. Кереге бою – киши боюндай бийиктик. Болжол менен 1,60-1,80 м. Укурук бою – болжол менен 3 м. бийиктик. Аркан бою – болжол менен 4-5 м. бийиктик. Кой көчтүк – 6-8 км. аралык. Козу көчтүк – 4-5 км. аралык. Чакырым – адамдын үнү жеткен жер. «Чакыр» деген сөздөн. 1 км. аралык. Конолго – ат жүрүшү менен конуп өтө турган аралык. 50-60 км. Күн жүрүш – эртең менен кечке чейинки жол жүргөндөгү аралык. Ат менен 50-60 км. Шашкелик жер – күн чыккандан тартып күн шашке болгонго (жалган түшкө жакын мезгил) чейин жөө же атчан өтүүгө мүмкүн болгон аралык.

  1. Салмак чен бирдиктери: Батман – 4 пуддан 16 пудга чейин, кээде 6 пуддан 12 пудга чейинки оордук өлчөмү. Пуд (бут) – 16,38 кг. Жың – 500 гр. Чексе (ир) – 5-6 кг. Мыскал (ар.) -4,5 гр. Сер (зер) – батмандын кырктан бир бөлүгү. Чейрек – кайсыл бир өлчөмдүн төрттөн бир бөлүгү. Кадак – 409,5 грамм. Кап – 4,8 пуд. Кап орто – каптын жарымы. Челек – 12 метр. Бир кесим эт – 1-1,5 кг. Байса – 100 данага барабар. 100 байса – 3 кг. 1 чакса – 6 кг. 1 нимшек – 12  кг. 1 шимек – 48  кг. О.э. кумшекердей куюлчаак оокаттарды кыпындай, таруудай, тырмактын агындай, бир чымчым, бир ууч, бир кочуш, бир кашык, бир чөйчөк, бир аяк деп ченешкен.
  2. Көлөм бирдиктери: Бир ууч – эки алаканга толо.

Кочуш – бир алаканга толо. Кичинекей – кочуштан азыраак. Тырмактын агындай – сөөмдүн жарымы. Бармактай – бармактын көлөмүндөй. Чыпалактай – чыпалактын көлөмүндөй. Чымчым – үч манжанын учу менен алынган көлөм.  Бир кесим – бир кесилген эт. Баштык – 10-12 кг бата турган көлөм. Кап – 4-8 пуд бата турган көлөм. Этек – адамдын этегине бата тургандай көлөм. Ороо – дан жыйгандагы көлөм, болжол менен. Табак – бир табакка бата турган көлөм. Челек – 12 литр бата турган көлөм. Бир кулак суу – сугат учурунда колдонулуучу көлөм. Бир шакаптан (арык) ашпаган суу. Айчал бел – ичке бел. Аялдын сымбаттуулугунун белгиси. Тай кап-тай боюна ченеп тигилген кап. Бир батман деп дагы аталат. Кой кап – кой боюна ченеп тигилген кап. О.э. көлөмдү дагы куржун, баштык, этек, ороо, сабаа, көнөк, көкөөр, сугат сууну кулак деп эсептешкен.

  1. Жер (аянт) өлчөмү: Теше – 1,6-2 га жер. Танап – бир жагы 60 кез болгон чарчы аянт. Алакандай – адамдын алаканындай жер. Үй ордундай – боз үйдүн тигилүүчү ордундай жер. Тезтам – алакан менен манжаларды бириктиргенде бата турган өлчөм. Билектей – адамдын билегиндей. Сандай – адамдын санындай. Өгүздөн белиндей – аты айтып тургандай орточо өгүздүн белиндей ченем. Жоондугу кылдай – өтө эле кичине. Батман – 10-12 теше жер.
  2. Убакыт бирдиги: Көз ирмем – өтө кыска убакыт, «көз ачып жумганча» деп да айтылат. Чай кайнам – 15-20 минутага барабар. Эт бышым – 2-3 саатка жакын. Бээ саам – 2 сааттык убакыттын аралыгы. Күн бою – күн чыккандан батканга чейин. Эртеден кечке – таң аткандан, түн киргенге чейинки убакыт. Түнү бою – түн киргенден таң атканга чейин. Жума – 7 күн. Жарым ай – 15 күн. Ай – 30-31 күн. Чейрек – 3 ай (жылдын төрттөн бир бөлүгү). Жыл – 12 ай. Мүчөл – 12 жыл. Чейрек кылым – 50 жыл. Кылым – 100 жыл. Доор – 2100-2200 жылга барабар.
  3. Сан бирдиктери: Ондук – 10 аскерден турган топ. Элүүлүк – 50 аскерден турган топ. Жүздүк – 100 аскерден турган топ. Миңдик – 1000 аскерден турган кошуун. Түмөн – 10 000 аскерден турган кошуун. Сансыз, эсепсиз, жер жайнаган – 100 000 аскерден ашык кошуун. Бир басым – 3 чүкө (упай оюнунда колдонулат). Үчү – 5 чүкө (ордо, тогуз коргоол, чатыраш оюндарында колдонулат). Пул – акча бирдиги. Дилде – беш сом наркындагы алтын акча. Мүрү – 5 тыйын. Чака – майда тыйын, жезден жасалган.

Кыргыздардын байыртадан келе жаткан сандык жана жалпы эле математикалык түшүнүктөрүн «Манас» эпосунда чагылдыруу менен элдин жана алардын өкүлдөрү болгон манасчылар өздөрүнүн билим жаатындагы кеңири маалыматтарга ээ экендигин тастыктайт.

[1] Турсунбай уулу Т. «Жүсүп Мамай айткан «Манас» эпосундагы сан түшүнүгү жөнүндө изденүү // «Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 56-66-бб.

[2] Семетей. Жусуп Мамайдын айтуусунда // http://erkindik.ru/ forum/topic/690

[3] Манас, Семетей, Сейтек. – Б.: 2014. – 268-б.

[4] Семетей. 2-т. Ж.Мамайдын айтуусунда. – Б.: Шам, 1995. – 255-б.

[5] http://kalmyki.narod.ru/projects/kalmykia2005/html/erdniev_1985/ 26.htm

[6] Асан уулу О. Кыргыздын чен бирдиктери // http://kmb3.kloop.kg/index.php/2014/10/03/kyrgyzdyn-chen-birdikteri/

 

ЭЛДИК ГЕОГРАФИЯЛЫК БИЛИМДЕР

Эл турмушунда географиялык билим да өзгөчө орунда турган. Ансыз кайсыл гана элдин болбосун, анын ичинде кыргыздардын да, Чыгыштан – Батышка, Түндүктөн – Түштүккө кеткен кербен жолдору, азыркы почта кызматы сыяктуу коммуникациялык каражаттары, жүздөгөн адамды мал-жаны, бала-чакасы, көчү менен алып өтө турган өз заманына ылайык инфраструктурасы сөзсүз болгон кербен жана көч жолдору керек.

Элдин жана манасчылардын географиялык билимдеринен улам көптөгөн жер-суу аттары менен кездешебиз, элдин демогафиялык кыймылдары, дипломатиялык байланыштары менен таанышабыз. «Манас» эпосу – адабий, көркөм чыгарма, баатырдык эпос гана эмес, ал ири географиялык эмгек да болуп эсептелет.

Манас туулган мезгилде анын атасы Жакып хан Алтайда жашаган, ошондо кыргыз уруулары байланышкан аймактар эпосто мындай берилет:

Аралдын башын жай алып,

Алтайдын тоосун таянып,

Аксы менен Күчөрдөн,

Ичерине чай алып,

Иленин башын таянып, Кара-Шаарга мал көктөтүп… …Байдын эки баласы Басканы Кашкар талаасы…

…Баскан-жүргөн жерлери

Манжурия талаасы

Тебеттин аркы тушунда

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 50).

Мына ушул аймактарды азыркы географиялык реалийлер менен алганда Орусия, Кытай, Монголия сыяктуу ири мамлекеттердин эбегейсиз алкагын ичине камтып турат.

Ал эми андан да мурда Манастын чоң атасы Ногой каратып турган жерлер: Кашкар, Кара-Шаар, Сары-Кол, ордосу Опол, Даң-дуң тоо, Соонар көл, Лоп дайрасынын бою (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 117). Анан ушуларга Эсенкандын элинен элүү миң кол келгенде кыргыздар бүлүнүп, кулалыдай чачырап тарап кеткен аймактар: Багдат, Алай, Даңгир, Сар-Кол, Үч-Арт, Жаркен, Жамыра.

Жусуп Мамайдын вариантында Эне-Сайда Манаска чейин эле анын чоң аталары Орозду бейпил жашап турат да, ал кезик ооруга чалдыгып каза болгондо, аларды Алооке басып алып, Ороздунун он уулу он жакка тарайт: Адыбай, Көлбай, Ташбай Букарга көчүп кетет, Касиет менен Калкы отуз миң үйлүү эли менен калмактарга кошулуп кетет, Жамгырчы менен Шыгай Самаркандга айдалат, Кызылтай тажикке кошулуп, Муз-Тоого барып кыргыз кыпчак, сарт кыпчак болуп калат, Текечиден тукум калбайт. Жакыпты болсо Алооке Балакарт деген жердеги Ногой деген калмак байына берет, ошондон улам «ногойдун эли» аталат, Балтаны болсо Алтайдын Чамбыл-Бел деген жерине көчүрөт. Катаган менен Каткалаң, алардан Кошой болуп Ат-Башыда жашайт, аларга калмактын бийлиги жетпейт, баш ийдире албайт, андыктан да аларды «калды кыргыз» деп, кийин «кара кыргыз» деп атап коюшат, буларга Каткалаңдан Карача хан болот, андан бир кыз төрөлүп атын Сайкал коёт.

Ошентип Ороздунун он уулу таруудай чачырайт, Жусуп Мамай аларды өз вариантында аябай кеңири географиялык алкакка жайгаштырат: Алтай – Букар – Самарканд – Муз-Тоо (азыркы Памир аймагы го) – Ат-Башы – калмак жери.

Манас төрөлүп Алтайдын Үч-Арал деген жерине жентек тойго чакырылган аймактар: Жаркент – Кашкар – Котон – Долон – Самарканд – Жызак – Оро-Төбө – Кожент – Олуя-Ата – Ташкен – Кокон – Маргалаң – Иле – Чүй – Эртиш – Орол тоо – Кара-Кум – Тибет чөл – Камбылдын Кунар-Бели. Манасчылар мына ушулардын баарын бир ыңгайлуу жолго тизип алып айтып атат, отуз киши чакырчу болуп, ар кимиси адашпай ар кыл багытка түшүп кетет. Эми алардын качан келишин да айтат: Булар төртбеш айда келип бүтөт. Демек, жолдун ыгы, алыс-жакындыгы да эске алынат (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 75-76).

Манас жаш чагында бир топ душмандардын жеңип, жер чегин кеңейтет. Ошондо атасы Жакып конгон жер Аңыртынын белин ашканда Алтайдын түзүндө, Мамырдын сары чөлүндө, Айдың-Көлдүн жээгинде. Аларга караган аймактар: Аңгир бою Шиберлик, Эсил, Нура, Барскан, Саркан, Бабыл, Жаркан, аяк жагы Ая-Күз, арасында Сары-Арка, ары чети Орол тоо (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 263).

«Манаста» Манас баштаган кыргыз колу байыркы журту Ала-Тоого Алтайдан келүү үчүн, албетте, географияны жакшы билиши керек эле. Алар Алооке ээлеп алган Анжианга барышы керек, ал жакта Испара, Кокон менен Алай бар. «Ата уулулар, малдуулар Алайды барып жайласын» делет. Көч жолунун жүргөн жерлери катары Жылдыз, Каркыра, Азиреттин Кара-Тоо, Тарбагатай, Ара-Тоо, Эдил суунун бою, Жарынты, Аңырты, Турпан, Кусарыш, Көбүл, Керкол ж.б. жер-суу аттары айтылат.

Көчтү чаалыктырбай, адаштырбай алып баруу өтө кыйын милдет болгон. Андыктан:

Чөлгө жылкы салбайлык, Чөөлүктүрүп кыйратып Бөөдө кырып албайлык.

Алтайдан өтсүн Жылдызга,

Жылдыздап сыртка салыңар,

Турпан, Керкөл арасын

Тууралап алып барыңар, – деп айтылат.

Азыркы Кытайдагы Турпандан Кер-Көлду көздөгүлө дейт. Айрым божомолдор боюнча биздин Ысык-Көлдүн мурдагы аттарынын бири Кер-Көл болгон делет. География илимдеринин доктору, профессор Курманаалы Матикеев «Манас» дастанынын географиясын аябай кылдат изилдеп келет, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келген көч жолунун картасын сызып да жүрөт. Анын версиясы боюнча Эне-Сайдан чыккан көч мындай жолдор менен жүргөн:

Биринчи көч – казак тайпаларынын Көкчө баштаган көчү: Алтайдын түштүк-батышы – Калбин тоолору – АкЧий (Зайсан) өрөөнү – Тарбагатай – Жылдыз – Текес (Терс Маео) – Каркыра – Кеген. Бул көч күнүнө 60-70 чакырым жүрүп, негизинен тегиз талаалар менен өтүп, 5000 чакырымга жакын жерди жарым айда басып өткөн.

Экинчи көч – кыпчак тайпаларынын Үрбү баштаган көчү: Кыргыз-Нур көлү – Түр-Көл (Дургэнур) – Кынгыр-Тоо (Монгол Алтайы) – Жонгор чөлүнүн чыгышы – Бар-Көл – Богдашань – Ирен-Хабир тоолорунун түндүгү – Жылдыз өрөөнү – Кыяс (Акыяс) ашуусу – Керкөл – Көтмалды – Чүй өрөөнү.

Үчүнчү көч – кыргыз тайпаларынын Манас баштаган көчү: Алтайдан – Кынгыр-Тоо (Монгол Алтайы) – Бар-Көл (ушул жерден Үрбүнүн көчүнөн бөлүнөт) – Куутез (Чөлтаг) – Тарим чөлүнүн түндүгү (жолдо бир бөлүгү Муз-Арт өрөөнү аркылуу Муз-Бел ашуусун ашып Сары-Жазга, Көйкапка өтүп, ошол жерлерде туруп калган. Көчтүн калган бөлүгү Ак-Суу дарыясынан өтүп, Марал-Башыдагы Жай-Көл (ЧикаКөл) айланасына токтоп, Кашкардан соода-сатык кылып бир нече убакытка туруп калат. Бул мезгилде алар 3400 км жол басат, дагы финишке (Талас өрөөнү) жетүү кыйын болчу. Андан ары кыргыз көчү үч багытты тандайт: биринчилери Жай-Көл – Торугарт – Борбордук Тянь-Шань, Чүй; экинчилери Кызыл-Суу – Эркестам – Алай, Бадахшан; үчүнчүлөрү Кызарт ашуусу аркылуу – Алайкуу-Өзгөн[1].

«Манас» эпосунун географиясын изилдегенде Батыш менен Чыгышты бириктирген улуу жолдорду эске алышыбыз керек. Себеби кыргыздар катышкан көч жолу, уруш жолу дал ушул улуу жолдор менен түздөн-түз байланышат. Кытайлык изилдөөчү Турду Мамбет уулу Батыш-Чыгыш жолун бир нече этапка бөлүп, бир нече аталыш менен карайт[2], биз аны өзүбүзгө ыңгайлаштырып, түшүнүктүүрөөк кылып, мындай бөлдүк:

  1. Байыркы жайлоо жолу (Көк жайык жолу)
  2. Байыркы жибек жолу
  3. Жаңы деңиз жолу
  4. Аба жолу – космос жолу5. Учурдагы жаңы жибек жолу.

Булардын ичинен байыркы жибек жолу Жуңгонун Чаң Ан (азыркы Ши Аң) шаарынан башталып, Римге чейин барат, ал жол кербен жолу катары б.з.ч. II кылымдан XVI кылымга чейин пайдаланылган. Анын Түндүк жол жана Түштүк жол деген эки салаасы болгон.

Жогорудагы окумуштуу Ороздунун он уулунун жана башка туугандарынын Алтайдан чачылыш жолдорун мындай божомолдойт:

Байыркы жайлоо жолу менен Жакып Алтайдан – Бурул-Токойго.

Байыркы жибек жолу менен Шыгай менен Жамгырчы – Самарканга.

Байыркы жибек жолу менен Катаган, Каткалаң – АтБашыга.

Байыркы жайлоо жолу менен Акбалта – Арал көлүнө.

Байыркы жибек жолу менен Касиет, Калкалар – Ташкентке, Кеминге.

Байыркы жибек жолу менен Текечи, Казылтайлар – тажик, кыпчак элине.

Байыркы жибек жолу менен Адыбайдын үч уулу Кара хан, Темирхан, Шаатемир – Букарга.

Демек, биздин пикирибизде, алтайлык кыргыздар байыркы жайлоо жолунун да, байыркы жибек жолунун да багытын, кайда, качан алып барарын билген. Алар ошол жол аркылуу мейкиндикти гана басып өтпөстөн ар түрдүү маданияттарды, цивилизацияларды басып өткөн, дүйнө карашын, түшүнүктөрүн кеңейткен, Батыш-Чыгыш көпүрөсүн түзгөн.  Азыркы термин менен айтканда кыргыз көчү Азия менен Европаны туташтырган трансконтиненталдык магистраль менен байланышуу жолун өздөштүргөн.

Эне-Сайдан, Алтайдан казак, кыргыз, кыпчак тайпаларынын Батышка карай көчүүсү бул элдердин гениалдуулугун, дүйнөлүк тарыхтагы уникалдуулугун тастыктайт: эч кандай компассыз, картасыз алар тоолордон, чөлдөрдөн, ашуулардан мал-жаны, үй-жайы, кемпир-кесеги, балачакасы менен көчүп өтөт. Душман кол салбашы үчүн атайын ээн-эркин багыттар тандалган, азык-түлүк, суу кору алынган, жолдо ашуу астында «шыкама түндөрүн» (ашуу ээлерине жалынып түлөө берүү жөрөлгөсү) өткөргөн, алдын ала жол чалгандары, эл үчүн аңчылык кылгандары, малды кайсыл жол менен айдап, элди кайсыл жолго салуу керек, кайсыл жерге өргүү алууга болот, кайсыл жерде болбойт, жүк артылган унааларды каерлерде алмаштырып туруу керек, көч башылары эмне кылуусу зарыл ж.б. нерселер бүт-бүт тандалган.  Менимче ошол учурда кыргыздардын түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты көрсөтө турган, шамалда, бороон-чапкында, жылдызсыз, айсыз түндө адаштырбай турган кандайдыр бир куралдары болушу мүмкүн. Анан дагы алар ар бир күнүндө канча жүрүш керектигинин математикалык эсебин алган да, ошол күндүн (же түндүн) финиши үчүн ыктуу жер тандашкан.

Дагы бир таң каларлык нерсе – манасчылардын ушунчалык көп географиялык жер-суу аталыштарын: гидронимдерди жана топонимдерди жаңылбай айтышы, жатка билиши, бири менен экинчисин чатыштырып ийбеши.

«Манастагы» каармандар катышкан, барган, же сөз болгон жерлер:

Түндүктөн – Орол тоосу:

Оролдун тоосун оролгон,

Арбагына оёндун,

Ашкере күлүк Аккула (СК, 2010, 1, 905).

Түндүк-Батыштан – Аңгилия:

Алачак деген беги бар,

Аңгилия эли бар (СО, 9, 512)

Түштүктөн, Түштүк-Батыштан – Меке, Медине:

Айкожону таба албай

Алыс жолго салыптыр,

Медина, Меккеге

Мээнет чегип барыптыр же дагы:

Өз тууганым Абдылда

Барып келдиң Меккеге (СО, 349) Чыгыштан – Амур:

Алтай, Амур жерде жок,

Азыркысын аңдасам (СО, 5, 426) ж.б.

Булардан башка да Анатолия (азыркы Түркия), Ындостан, Ооганстан, Кырым, Иран ж.б. алыс өлкөлөр, алар менен кыргыздар карым-катынаш кылган учурлар тууралуу айтылган тексттер кездешет.

Эпосто элдер географиялык багыттарды ажырата билгендиги бир катар эпизоддордо айтылып өтөт:

Күн батышка бет алып,

Калбайлык бөөдө азапка (СО, 336)

Шымал жагы Кара-Кум,

Шашпагын, балам, карагын,

Күн жүрүшү Камас тоо (СО, 107) Буруттун колу чөптөн көп, Күн жүрүшү чекеси (СО, 390).

Күн чыгышын карасам,

Кетмендин бели кол болду (СО, 3, 120)

Таң атарда белги берчү боз салкын

Кыбыла көздөй бөлүнүп (СК, 2010, 1, 236).

Жанупту көздөй ыңгайлап,

Самарканга барарсың

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 382-б.).

Жанупту көздөй бет алсаң,

Ала-Тоо бойло тил алсаң

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 385-б.).

Качып барып какоолдор,

Жануп жакта Алооке,

Батыш жакта Шоорукка,

Орто жерде дөөлөскө,

Буларга кабар салабы?

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 491-б.).

Батыш жакта дөөлөс бар,

Шымалда Шоорук доңуз бар,

Чыгыш жаккы жанупта, Араникти ээлеген, Дөөкан деген соргуч бар.

Нарында бар Алооке

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 513-б.).

Баатыр Бакай бабаңыз,

Кутпага мойнун бурганы

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 206-б.) ж.б.

Элибиз байыртадан эле географиялык багыттарды негизинен Күнгө карап, анын жүрүшүнө карап (Күн чыгыш – Күн жүрүш), жылдыздарга (Кутпа тарап, Беш аркар жак, Саманчынын жолу менен жүрөлү ж.б. деп) жана Чыгыш элдеринде кеңири тараган багыттардын аталышына (Жануб, Шымал) карап белгилешкен. Ислам дининен кийин дагы башка түшүнүктөр (Кыбыла тарап, Мекке тарап) пайда болгон.

Географиялык төрт багытка дагы бир мисалдар:

Түштүк жакты карасам,

Көк талаанын кашатта,

Асылуу желек таң менен

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 33).

Кетирген жагы күн жүрүш

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 268). Күн жүрүш жагы – түштүгү

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 180)

Кутпага мойнун бурганда

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 165-б.).

К.Матикеев Жусуп Мамайдын вариантын талдап отуруп мындай жазат: «Манастын Коконго аттанышы» деген темада «Чоң Ташкенде Насара, Карылыпка барыптыр», «Көк ойдуң менен Сары-Арка, Араникти дагы алды», «Наманган Ошто кыргыз бар», «Маргаланда миң башы», «Эсенхан жаткан козголбой, Кантон деген шаары бар» деген ыр саптарындагы топонимдер айтылат. Манастын колу Карылып менен Банус ханды талкалап, Анжианды – Фергана өрөөнүн алардан бошотуп, Сынчыбекти хан көтөрөт. Тарыхый маалыматтарда Көк ойдуң деп Сыр-Дарыянын Аралга куйган аймагын, Анжиан (Фергана) ойдуңун, Иле жана Чүй ойдуңдарын айтышат. Эпосто айтылган Кантон азыркы Шанхай шаары. Согуштук аракет азыркы Фергана өрөөнүнүн чөлкөмүндө өтөт»[3]. Эгерде манасчы Жусуп Мамай азыркы Кыргыз Республикасында туулган болсо анда бул жерлерди жакшы билет эле дейли, ал киши Кызыл-Суулук (Кытай Эл Республикасы) болуп атпайбы?

Жогорудагы окумуштуу эпостун текстинде айтылган жер-суу аттары менен азыркы географиялык аймактарды салыштырып чыгып, Турфан, Куча, Жаркент, Хотан, Жонгор, Үч-Турфан, Алтай ж.б. азыр башка мамлекеттердин карамагында турган топонимдердин эпостогу варианты менен реалдуу турмуштагы варианттары бири-бирине дал келерин далилдейт. Андан ары кыргыз аскерлери «Бээжинге карай кол жүрүп, беш айлык толук жол жүрүп» дегенди кол күнүнө 30-40 километрден жол жүргөн болсо, айрым күндөрдө тыныкса, айрым ашуу, чөлдөрдө күнүнө 10-15 километр ылдамдыкта гана жүрсө, Таластан Бээжинге чейинки 4500-6000 километр жолду беш айда басып өтмөк деген бүтүмгө келет[4].

Тексттеги Бээжинге бара жаткандагы айтылган «томуктай тоо көрүнбөгөн, тозоңу көктөн бөлүнбөгөн, кашыктай болгон кары жок» жерлер Бейшань, Алашан чөлдөрү болуу керектигине токтолот.

Ал эми тарых илимдеринин доктору, профессор, этнограф Имель Молдобаев 1981-жылы хакас, бурят, тыва, алтай, тофалар, саха, монгол, кытай жерлерин жана элдерин кыдырып, максаттуу илимий этнографиялык жүрүшкө чыккан, 2001-жылы Тибетте өткөн «Евразия элдеринин байыркы жолдорунун изи менен» деген эл аралык экспедицияга да катышкан. Ошол окумуштуу да Алтайдан АлаТоого келген кыргыз көчүн изилдеп, жолдун бир бөлүгү

Кичи-Жылдыз – Чоң-Жылдыз – Өгүз-Ашуу – Тай-Ашуу – Үч-Арал – Үч-Жыргалаң – Коңуз – Көк-Тал – Чоң-Иле – Таш-Кечүү – Сары-Өзөн – Ак-Чий – Талас – Кең-Кол аркылуу өткөн деп, алардын азыр Чыгыш Түркстан, Казакстан, Кыргызстан аймагында жайгашкандыгы чындык экендигине кепил болот[5].

Европадан Азияга, Азиядан Европага өткөн жеркезерлер, дервиштер дал ушул жол менен жүргөн, 1925-1928-жылдагы Н.К.Рерихтердин легендарлуу сапары да ушул жол картасына туура келет. Окумуштуу булардын ичинен Чоң-Жылдыз менен Кичи-Жылдыз азыркы карталарда жоктугун, бирок алардын Чоң-Жылдызы орто кылымдардагы белгилүү эле шаар болгондугун, Эмир Темир (1336-1405) да ал жерге согуш ачкандыгын, барабара Кучи (Кучар) шаарына биригип кеткендигин айтат. Ал шаар азыр Кытайдын Шыңжан Уйгур автоном облусунун Ак-Суу районуна карайт, илгери Жибек Жолунун каттамдары ушул жерден өткөн, мөмө-чөмөлүү аймак.

«Манастын» окуясын андан ары улап Көкөтөйдүн ашында чакырууга кеткен жайма көкүл жаш Айдардын жолун карап көрсөк: Орто Чаткал – Бухара – Ооган (Бадахшан, Балх) – Мисир (Ирак) – Кубайыстын чөлү (Иран) – Желпиниш (Индия) – Памир – Тибет – Ай Цадам – Көкөнор көлү – Каспандын кара тоосу (Наньшань) – капкалуу Бээжин оозу – Хангай – кайра Каркыра. «Көкөтөйдүн ашына Түп Бээжин (азыркы Пекин) чакырылган эмес. Ал Айдар Түндүккө бурулган «Хэсси коридорунан» 1300 км чыгышта жайгашкан. Ошол «Хэсси коридору» аркылуу «Улуу Кытай сепили» да өтөт. Демек, эпостогу Кичи-Бээжин, Орто-Бээжин деген топонимдер азыркы Синин, Ланьчжоу шаарларына гана таандык. Эсенкан Бээжинде (Пекинде) эмес, Көкөнор көлүнүн айланасында жашаган. Көкөнордон Түп Бээжинге чейинки аралык 1350 км ашык» (К.Матикеев[6]). Географ окумуштуу азыркы заманбап карталарды алып отуруп, атластарды карап, интернет ачып, алардын масштабын ченеп чыгып, эпостун текстине таянуу менен манасчылардын географиялык билимдерин тактап чыгып атат, ошол эле кезде кыргыздардын дипломатикалык алакаларын, согуштук аракеттерин көрсөтүп берүүдө. Эми дагы таң каларлык нерсе – кыргыз манасчылары Борбор Азиянын аймагын толук кезген эмес, Манас болгон жерлердин көбүндө болгон эмес, анан кантип мына ушунча көп географиялык аталыштарды атап, ал жерлердин климаттык, географиялык белгилерин көрсөтүп берип жатат?!

Тоголок Молдонун вариантындагы «Манастын өлөр алдындагы сөзү» деген бөлүмдө баатыр өткөн өмүрүн бир сыйра эстеп мындай дейт:

Бараңды көздөй кол жүрдүк, Кол жүргөндө мол жүрдүк. Индистанга кол жүрдүк, Ириген аскер мол жүрдүк.

Самарканды аралап,

Саналуу бир жыл жол жүрдүк (ТМ, 610).

Демек, Манастын согуш талаасы Таластан эсептегенде Чыгыш жакка 5 миң, Батыш жакка 2 миң, Түштүк жакка 3 миң чакырымдай жолду камтыйт. Манасчылар ошончо жолго канча убакыт кетерин, ал жактын ысыксуугун, тоо-чөлүн, өзөн-дайраларын, көлдөрүн, флора менен фаунасын, а түгүл кээде элдин менталитетин, өңүтүсүн куду алдына географиялык атласты же кинокадрларды бирөө коюп бергендей айта берет?

Алар мындай билимге кайдан, кантип ээ болгон деп таң калбай коё албайсың?!

Эр Манастын ашына чакырылуучулар, келүүчүлөр да кеңири географиялык алкакта жайгашкан:

Кокондук беги – Санжыбек

Ташкендин беги – Кайымбек

Букардын каны – Шамурат

Эр Манастын тагасы,

Алайдагы – Эштектердин Жамгырчы.

Байтагы Котон, башкарган калкы Кашкар – Эр Төштүк («Алты ай турчу Котондо, алты ай турчу Кашкарда») Айран-Суудан – Агыш

Кымыз-Суудан – Кожош

Ат-Башыдан – Кошой

Кеминден – Сарман таздын,

Чогоол таздын баласы – Үрбү

Сары-Аркадан Манастын карын бөлөсү – Айдаркандын Эр Көкчө

Башы – Чарын, Челекте, аягы –

Ызар, Көлөптө – жалпы Түркстан эли (ТМ, 622-623).

Мына ушулар Манастын хандыгынан эң жакындары, кыйбастары, алардын дипломатиялык байланыштарынын орчундуу орунда тургандары. Анда ары манасчы алардын ар биринин турган жеринин, бийлик абалынын, мүнөздөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып өтөт. Мисалы, Кошой тууралуу: «Ат-Башынын сазында, Чеч-Төбөнүн кашында», деп айтат.

Алмамбеттин келишине байланыштуу той бергенде чакырчууга:

Күн жүрүш жакка бет алсаң

Ысбахан менен Ындыстан (СО, 2, 322), – деп айткан жери бар. Ысбаханы (азыркы Иранга караган Исфахан шаары), ал эми Ындыстаны азыркы Индия өлкөсү. Жусуп Мамайдын «Семетей» эпосунда «Кара чай чыгат Кытайдан, Макошин деген аты бар» деп, Семетейге карата «Букарга барып чоң болуп, Иранда жүрүп кор болуп» деп айтылган саптар учурайт.

Географиялык билимдер элдик соода-сатык мамилелеринде да өзгөчө орунда турган. «Манас» эпосунун Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Семетей» бөлүмүндө Токтосарттын Кең Кашкарда жыйырма төрт дүкөнү бар экендиги кабарланат, ал Таластан алтымыш нарга мал артып, алтын күмүш дагы артып, Семетей Суусамырдын ашуусун ашырып койгондон кийин алтымыш нарга бир башчы чыгарып мындай дейт:

Үргөнчтөн кечип өткүн деп, Чынаачага жеткин деп.

Карачы менен Пышабур, Аралап Ооган кеткин деп.

Индыстанга баргын деп,

Киргит, Дөбөт бел ашуу,

Кайра айланып жигиттер, Каргалыкка келгин деп.

Кундуз, маржан, жакуттан,

Булгун, кемчет асылдан,

Мой менен таштын баарынан, Жүктөнүп келгин абыдан.

Жеркендин жери өзү түз,

Хотендин жери кеңири, Сагынбагын, төөчүлөр, Түндүк жактан элиңди.

Кат жиберем бир кезде,

Как ошондо келгин деп.

……………………………..

Наманген менен Коконду,

Анжиан менен Улуу-Чат, Аралап Токоң сабалап, Учкан куштай баратат. Минген жорго качыры, Жери майда адыры.

Артыш, Марал-Башыдан,

Тумшук менен Чыландан,

Айкөл, Ак-Суу, Байлардан,

Жам, Кызыл, Күчөр калаадан,

Башабегим, Көрлүдөн,

Кара-Шаар, Дабанчын,

Саяпу кумдуу шорунан,

Салып жүрүп олтуруп,

Уланбайда эшиктен, Жамылга кирчүү тешиктен, Барып кирди Токтосарт[7].

Тексттин жогорудагы үзүндүсүндө Азиянын кеңири мейкиндиги соодагер кербендер үчүн барар жери, соода кылар жайлары болгондугу, ошол калаалардын баарында алардын мамилелеш кишилери, достору, күтүп аткан падышалары, хандары, баатырлары болгондугу айтылат. Алар географиялык билимдер аркылуу бара турган жерине жетип гана калбастан, кайсыл аймактын ара ырайы, климаты кандай, ошого жараша алар кандай мал (товар) талап кыла тургандыгын, кайсыл жерден кандай буюм алып, аларды кайда алып барып сатуу керектигин да билген. Кытайдай чай, жибек, фарфор чыныларын ташышса, азыркы Индия, Пакистан, Ооганстан жеринен кундуз, маржан, жакут, булгун, кемчет, мой, асыл таш жүктөнүп келген, кыргыз жерлеринин аң терилери, сүт азыктары башка жактарга ташылган.

А.Жаманкараевдин изилдөөсү боюнча[8] 1978-1984-жылдары 4 китеп болуп чыккан С.Орозбаковдун «Манас» эпосунда 300дөн ашык жер-суу аттары аталса, ошонун 80ге жакыны азыркы Кыргызстанга, 40тан ашыгы азыркы Казакстанга таандык (Акыяз, Ала-Көл, Алматы, Алтай,

Арал, Боз-Дөбө, Жайык, Иле, Капал, Кара-Тоо, КозуБашы, Кордой, Нура, Олуя-Ата, Сары-Арка, Тарбагатай, Чарын, Чимкент, Эртиш ж.б.).

Ал эми ушул эле китептерде К.Акматованын изилдөөсү боюнча[9] жер-суу аттарынын жалпы саны 547, алардын ичинен жайгашуусу боюнча бөлгөндө Борбор Азияга (Кыргызстан, Жети-Суу, Жунгария, Чыгыш Түркстан) 340, Монголияга 90, Кытай менен Манчжурияга 55, Алдыңкы Азия, Иран, Аравия, Индияга 16, Чыгыш Европага 8 жер-суу аталыштары таандык. Ал эми «Манас. Саякбай энциклопедиясы» деген китептин тиркемесинде 443 жерсуу аттары тизмеленип берилет. Б.Кодоров алты миңдей топоним бар деген пикирин айтат[10].

А.Жаманкараев жогорудагы макаласында казак тарыхчысы Шакарим Кудайберди 1911-жылы чыккан китебинде кыргыздардын байыркы жерлери болгон СарыАрканын чыгыш жана түштүк жагында аргын, найман, керейит уруулары көчүп-конуп жүргөнүн жазганын айтат да, казактын орто жүзүндөгү монгун жана ичкиликтер «биздин аргындар, кыпчактар, наймандар кыргыздар болушкан. Эгер биз мындан ары өзүбүздү казак деп атай турган болсок, чындыгында биздин тамырыбыз жана түпкү тегибиз кыргыз болуп чыгат» дегенин мисалга келтирет. Казакташып кеткен аргындар ушул тапта да Караганда жана Жезказган облустарынын Кызыл-Арай, Бегазы-Тоо, Ак-Тоо, Ак-Мая, Атасу, Нура (Таш-Төбө) аймактарында жашайт, алар Сары-Аркага Сибирь жактан келип туруп калганын аксакалдар айтчу экен. Статистика боюнча 1910-жылы Казакстандын Акмоло, Көкчө-Тоо, Каркыралы, Капал деген жерлеринде 10 миңден ашык кыргыздар (саяк, солто, саруу, черик, дөөлөс, меркит ж.б.) жашаган. Казакстанда Манас аралы (Арал деңизинде), Манастын чокусу (Талгар суусунда), Манастын боз дөбөсү (Кеген), Манастын коктусу (Капал), Манастын жайыты (Зайсан көлү), Акыр-Таштагы Манас жана анын уулу Семетей курган деген архитектуралык эстелик[11] биздин эпостун каармандарынын жана окуяларынын азыркы Казакстандын аймагында да кеңири алкакта аракет кылгандыгын айгинелет.

Дагы бир географиялык аймак – Күн Чыгыш өлкөсү деп аталган Жапония (Япония). Анын бизче аталышы «Жапан». «Жапан» дегендин биздеги мааниси «алыскы», «жапайы», «эч кимге кошулбаган», «бөлүндү» дегенди билдирет. Чын эле Япон аралы жана аралдары кыргыздар атагандай эле жер эмеспи.

Жусуп Мамайдын вариантында:

Жапандан келген суу кечип,

Кызылуюк балааны (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 10), – деген саптар бар.

Мына ушуга караганда манасчылар кыргыздардын жапандар менен да согушканын, алардын жери деңиздин ары жагында – аралда экендигин, демек, суу кечип келерин билишкен. Манас доорунда кыргыздарга деңиз жолдору, кеме да белгилүү болгон сыяктанат.

XI кылымдагы Махмуд Кашгари-Барскани «Түрк тилдеринин сөздүгүндө» Японияны «Жабарка» атайт.

Иран энциклопедисти жана коомдук ишмери Рашидад-дин Фазлаллах (1247-1318) Японияны «Чименгоу» деп атаган. Ошол эле мезгилде жашаган Марко Поло (12541324) болсо Кытайга келгенде Япония тууралуу уккан, бирок барган эмес, анын укканы боюнча ал жакта – океандын ары жагында падыша сарайларын алтындан курат, аялдары сүйүү лаззатына ушунчалык терең батырат, ал өлкөнүн аты Сипанго (Чипанго, Джипанго).

Мына ушундай ар түрдүү аталыштан кыргыздардыкы гана туура болуп атат (Жапан).

Андан бери жактагы дагы бир ири аймактын аталышы азыркы күндө – Амур дарыясы, Орусия Федерациясынын эң ири жана эң Чыгыш жактары территориясы Амур жери.

Эпосто Бакай айтат:

Ааламга аты таралган,

Амырдын суусун үч кечтим

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 15).

Мына ушуга караганда элдик билим боюнча азыркы Амур дарыясын кыргыздар Амыр деп аташкан жана анын дүйнөдөгү эң ири дарыялардын бири экендигин билишкен. Амур дарыясынын узунду 2824 чакырым, бассейини 1,8 млн. чарчы чакырым. Тунгуч-манчжур тилинде «амар», «дамур» деген сөз «чоң дайра» дегенди билдирет, ал эми ханзуча (кытайча) аталышы, «хэйхэ» – «кара дарыя», «хэйлунцзян» – «кара ажыдаардын дарыясы». Бул суу тууралуу легендаларда айтылгандарга караганда андагы кара ажыдаар ошол жердеги жамандыктар, кара күчтөр менен кармашып, аларды жеңип турчу экен.

Амыр суусу гана эмес анын айланасынын географиялык түзүлүшү да эпосто кеңири берилет:

Амырдын агын боюна,

Чоң Ингендин тоосуна,

Күрпүлдөктүн куюшка,

Айдап келип кондурду

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 18).

Амурдун бою суук жер,

Жайдын күнү муз тоңуп, Эки чети жар болуп, Орто жери шар болуп.

Шыргалаңдуу буу чыгып,

Кээ бир жерде жарыктан,

Оргуштаган суу чыгып,

Үйөр агып түрүлүп,

Үзүктөй болгон чоң муздар, Суу үстүндө сүрүлүп,

Суу айланып кулкулдап… …Салдар агып баратат.

Шыр-шыр этип үн чыгып,

Карлар агып бататат

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 147, 148).

Мына ошол жердин климаты, метерологиялык өзгөчөлүктөрү да Борбор Азиядан барган кыргыз жоокерлеринин адаптацияланышы үчүн кыйынчылык туудурат. Себеби ал жерде:

Жайдын күнү үч мезгил, Күн жаайт экен бул жерге. Кыштын күнү беш мезгил,

Кар жаайт экен бул жерге. Эки күн жарык жаркырап, Күн тийбейт экен тегеле! Эки катар тон кийсе, Токтобой киши титирейт. Жайдын күнү кол үшүйт, Териден мээлей кийбесе!

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 19).

Эми суроо туулат: ушул Ыраакы Чыгыштагы Амур дарыясынын жогоруда сүрөттөлгөн өзгөчөлүктөрүн КызылСууда жашаган Жусуп Мамай көрбөсө, ал жерге барбаса, анан аны кантип билди экен да, кандайча мындай сүрөттөп жатат экен!?. Ооба, манасчы аны дагы башка бирөөдөн үйрөнгөн дейли, а алар кайдан билет? Биздин оюбузча бул кыргыз элинин бир кыйла терең географиялык билимдери болгондугун ырастоочу фактылардан.

«Манаста» «төгөрөктүн төрт бурчу» деген географиялык-философиялык түшүнүк бар. Бул деген жалпы планета, аны алты бөлүккө бөлүп карашкан. Жапандардан Кызылуюк дөөнүн кыргыздарга келе жатканын угушканда Гүлчоро да Семетейдин айтканына кошулуп эрте камынуунун зарылдыгын мындай айтат:

Абакем айткан ырас сөз,

Төгөрөктүн төрт бурчун,

Алты бөлүк дүйнөнү,

Айланып келиш кыйын кеп

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 12).

Демек, кыргыздардын жардам сурар достору ааламдын төрт бурчунда, ал деген жалпы адамзат буларды колдойт дегендик, ал эми дүйнөнүн алты бөлүгү – алты кытка,

азыркы тил менен айтканда, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Австралия, Антрактида, Африка, Евразия материктери.

Жогорудагы кыргыз каганатынын желегинде төгөрөктүн төрт бурчу, төрт

багыт, үч дүйнө (Жер дүйнө, 1-сүрөт.  Таньшу кытай жалнаамасы жана араб

Көйкап дүйнө жана Көк           саякатчысы Абу Дулефа дүйнө) чагылдырылган. Дүй-        сүрөттөгөн IX-X кылымдардагы нөлөрдүн баарын тегерек         Улуу кыргыз дөөлөтүнүн формада символдоштурат.           желеги.

Ошол эле кезде алты кабат асман, жети кабат жер түшүнүктөрү кездешет.

Жети кат жердин алдына (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 88), – деген саптар кездешет.

Жааннамда жаралган

Сарыбай өңдүү капыр жок (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 214-б.), – деп «жааннам» деген термин-түшүнүк жалпы планета маанисинде берилет.

Он сегиз миң ааламды,

Камырдай тепсеп баскандай Сарыбай (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 244-б.), – деп ааламдын эсепсиз көптүгү, дүйнөнүн чексиздиги кабарланат.

Мындай маалыматтар XX кылымга чейинки – советтик билим берүү тармагы жок кездеги манас угуучулар үчүн өзүнчө чоң билим алуу булагы болгон.

Улуу согуштарда жеңишке жетишүүнүн эң башкы жолдорунун бири – душмандын жеринин жана ага бара турган жолдордун жер шарттарын, багыттарын, климатын жакшы билүү. Аны үчүн атайын ошол тармакта билим беришкен, үйрөтүшкөн, ал эми андай билим берүү жана үйрөтүү үчүн адистер болгон. Мисалы, Бешбалык деген шаар тууралуу эпосто мындай айтылат:

Эгин бышкан оюна, Чөбү калың тоосунда.

Ар жагы Камбыл, Кара-Шаар,

Ортосунда төрт тоонун,

Бешбалыктын шаары бар

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 40).

Мындагы эпостогу Бешбалык шаарынын башкы белгилери: эгин бышышы, чөбү калыңдыгы, төрт тоонун ортосунда экендиги, Камбыл, Кара-Шаар деген жерлерге жакындыгы. Ал эми илимий адабияттарда азыркы Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына жакын жер Бешбалык, түркчө Беш шаар, кытай булактарында Бэйтин, араб-фарсий жеркезерлеринин жазганы боюнча Пенжикент аталган. VII кылымда кытай аскерлери жайгашып, алардын коргонуу чебине айланган, бул жерден кытайлар 714-жылдары түрк урууларынын чабуулун кайтарган. VIII кылымдын экинчи жарымында ага жакын Куча, Кара-Шаар болуп Моңголиянын түндүгүндөгү Уйгур мамлекетинин протекторатына айланган. 788–89-жылы тибеттиктер менен карлуктар ал жерге чабуул жасап, андагы уйгурлар менен кытайларды айдап чыккан. 791-жылы күз айларында тыңып алган уйгурлар 60-70 миң кол курап, шаарды кайра алуу үчүн келген, бирок карлуктар ээлеп алган жерин бошоткон эмес. Кийин да стратегиялык жактан абдан маанилүү бул аймак үчүн чоң согуштар өткөн.

«Манаста» мына ошол тарыхый жана географиялык маалыматтар адабий-поэтикалык формада көркөм сөздүн күчү менен айтылып жатат.

Жоокерчилик заманда жердин шартын билүү, карта сыяктуу жолду табуу өзгөчө мааниге ээ болгон дедик. Кыргыздын элин талап, Таластан мүлкүн алып бара жаткандарга Уусаңген мындай тапшырма берет:

Кашкардын жолун айланып, Каңгайга кетсек жакшыраак. Ара сырт бизге жакын жол, Жакын да болсо ыраак жол. Кашкар бизге ыраак жол, Ыраак да болсо жакын жол.

Ыраак деп андан эринбей,

Таластан алган олжону,

Кутказар жагын карагын

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 154).

Душман мына ушундай ыңгайлуу жана коопсуз жол таап жатканда, алардан өтүп тез жете турган жана жакын жолду издеп жана аныктап Бакайдын уулу Байтайлак бала жолборс чоң балбан Кошойдун уулу Жалгызекке кат жазып:

Алдынан тосуп чыккын деп, Ара сыртты карасын, Карап мен да келем деп.

Кашкар жакты карагын,

Кашкарга кирип кетпесе,

Артынан кууп жетем деп,

Башын кесип келбесем,

Байтайлак атым бекер деп (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 154), жакын жол менен барып, Кашкарга киргизе койбой Эркеч-Тамда тосуп, байлыктын баарын Кең-Колго кайтарып келет.

Дагы бир жолу Кошойдун уулу Жалгызек Төө-Жайлоо деген бир белди ашып, Ажыбай беш күндө барган жерге эки күндө жетет (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 156) ж.б.

Башка жердин турмуштук өзгөчөлүгү, жашоо шарты эпосто ар кандай өңүттөн чагылдырылат: Жапандыктар жабырап:

«Атыбыз жок, жөө келдик, Үч ай болду келгени.

Ат миништи үйрөндүк,

Жылкы деген мал болбойт,

Биз жылкыны билбейбиз,

Чарбага жарды жерибиз

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 108), – деп Япониянын жери чарбага ыңгайсыз экендиги, алардын жоокерлери (самурайлар) ат минип согушпагандагы айтылып жатат.

Эл эми каракалпактардын, түркмөндөрдүн эли-жери:

Бетпак тоону жердеген,

Түркмөн деген эл деген

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 113).

Кара калпак түркмөнгө,

Бетпак тоого барганы

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 131).

Чынында эле каракалпактар менен түркмөндөр кошуна турат, аларды жери чөлдүү (Бетпак-Талаа).

Же дагы бир жер аты – Урум. Орто кылымдарда азыркы Түркия жайгашкан Анадолу жарым аралы Урум жери деп аталган, ошон үчүн ошол жерде чыгармачылыгын өткөргөн Мавлана Жалалиддинге таанымал болуп калган кезде «Руми», урумдук деген кошумча ныспа берилген.

Эпосто мындай саптар кездешет:

Урумдун эли кубанды

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 131).

Түркмөн жериндеги Кардыгачтын Семетейге – Таласка келген жолу:

Кең Ташкендин ой менен,

Наманген басып аралап,

Аягы өөдө Таластын

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 118).

Дагы башка жерлер, алардын өзгөчөлүктөрү:

Ташкендин үстү улуу тоо,

Самаркандын чеги ошо

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 245).

Намангендин астына,

Кең Кокондун үстүнө

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 245).

Испан менен Ирандан,

Кокон менен Кашкардан,

Келбесин кокус кас душман

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 245) ж.б.

«Манас» эпосундагы географиялык билимдерди карап көргөндө биздин азыркы Барскоон деген жерде туулган жана Ысык-Көлдү дүйнөнүн борбору катары карап XI кылымда эле карта чийген Махмуд Кашгари-Барсканинин эмгеги эске түшөт. Ал түрк урууларынын жери Румдан (Византия) Маскага (Кытай) чейин, кеңдигин 3 миң, узундугун 5 миң фарсах деп көрсөтөт жана ал жерде чыгыштан батышка карай түрк урууларын мындай жайгаштырат: печенегдер, кыпчактар, огуздар, йемектер, башгырттар, басмылар, йкайлар, йабакулар, татарлар жана кыргыздар. Эми ошол XI кылымда тигил урууларды кантип изилдеп, алар жайгашкан жерлерди кантип өлчөп чыкты экен деген ой кетет. Мунун өзү аралыкты жана аянтты өлчөө приборлору болгондугун, аларды илимдүү адамдар колдоно билгендигин тастыктайт, себеби ансыз, мындай сөздү батыл айтуу мүмкүн эмес эле. Бул эми тарыхый, документалдык факты, ошол фактыга мисал катары элдик оозеки чыгарманы, анан ичинен «Манас» эпосун алсак, андагы элдик географиялык билимдердин болгондугу өзүнөн өзү эле тастыкталат.

Эпостогу дагы бир кызыктуу факт. Чыгармадагы каармандардын айрымдары ажы болуу үчүн Мекеге барат. Ошол доордо алар Арабия жарым аралык кантип таап барып келет? Сөзсүз бул элдин салттуу географиялык билимдери болгондугун тастыктоочу көрүнүштөрдөн болуп эсептелет.

Айрым жер-суу аттарынын (топонимдердин) чыгыш тарыхы тууралуу да айтылган учурлар кездешет. Мисалы, Күнөс (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 202), Кулжа (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 226-227)

Алтайда Манас жолдоштору менен салбырынга барган жер мындай географиялык алкак: Ар жагы Уркун суусу дейт, Жер сонуну ушу дейт.

Аягы Баркөл көлү дейт,

Шымалы Ангир бели дейт

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 233).

Кыпчак Төштүктүн жери:

Балыктын башы,

Алайдын асты,

Аңырдын сазы,

Кейүүнүн бою,

Сары-Колдун ою –

Жыйылган жери Төштүктүн тою

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 9)

Ар түрдүү жердин климаты, географиялык, геологиялык-минералогиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу да айтылат:

Нарын бою узун тоо

Кашкардын чети кызыл тоо

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 263).

Кан деңиздин суусундай

Калкытса оюн чөгөлүк (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 15)

Жерлердин географиялык жайгашуусун, алкактарын гана айтпастан «Манас» эпосундагы географиялык билимдер бул же тигил жердин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү үчүн, жаштарга жер таанытуу үчүн да керек, ошондуктан билгендер билбегендерди, билимдүүлөр билимсиздерди үйрөтөт:

Жол билгенден сурашып,

Баландын жолу баштуу деп,

Бастанчанын кыясы

Атка жаман, таштуу деп,

Баланчанын дайрасы

Агыны катуу, суюк деп,

Баланчанын өрдөшү,

Башы барып туюк деп (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 72), – кара кыргыз уругу жерди, крайды диалог аркылуу, андан соң коллективдүү түрдө таанып билет. А ал таанып билүүсү алардын күнүмдүк турмушунда жана согуштук практикасында баа жеткис маалымат катары кызмат кылат.

Кыргыз эпосунда кыргыздар жана алардын кошуналар, мамилелеш уруулары гана эмес, согуш жаткан душман мамлекеттери тууралуу да кеңири географиялык маалыматтар менен кездешебиз. Албетте, ал жакты билүү – жоокерлердин башчылары үчүн милдет болгон, ал үчүн Алмамбет сыяктуу ал жактын жер сырын билген адамдар, чалгынчылар, «тилдер» иштеген. Эпостогу душман эл-жер Бээжин болгон. Венециялык Марко Поло (1254-1324) Европанын толтосунан Азияга саякатка чыгат эмеспи, 1271-жылы башталган алардын жер кезүүсү 1292-жылга чейин созулган, алар Камбала (Кембалык) (европалыктарча Пекин, кыргызча Бээйжин) шаарына да барат. Дүйнөлүк илимде мына ушул Азиянын алгачкы ачылышы катары карайт. Бирок андан беш кылым мурда эле соода кербени менен Сулайман Тажир деген мусулман киши Кытайда болгондугу тарыхтан белгилүү[12]. Ал эми «Манаста» мындай саптар учурайт:

Мажуси деген дини бар, Кытай, калмак эли бар. Урушарга маш кылган,

Кашында сексен пили бар[13].

Мындагы Мажужу тууралуу Куранда да айтылат (18сүрө, 94-97-аяттар), алардын кайда жашагандыгы тууралуу илимий адабияттарда талаштар да арбын (Кавказ, Индия, Кытай ж.б.), негизи алар отко сыйынгандардын дини катары айтылат. Өлгөн адамдарын отко да жакпайт, жерге да койбойт, бир атайын имараттарга коё берет. Мына ушулар тууралуу да манасчылар маалыматка ээ болгон.

Андан кийин:

Бээжинден чыгып алыптыр,

Беш айдан бери жол жүрүп

Алтай тоонун оюнда… (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 158)

Беш айлык жолдо Бээжин бар

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 168).

Мында Бээжин менен Алтайдын аралыгы ат менен беш айлык жол экендиги белгиленип жатат.

Алтайдын географиялык байланыштары, түндүктөн түштүккө жана чыгышка мындай кетет: нойгут, алчын, үйшүн, аргын, ногой жердеген Оркун дарыя, анын ары жагында калмак эле бар, Көкө-Ноор көлү, Губий-Шаму чөлү, Теңир-Ноор көлү, Текши-Арш чөлү, андан ары карагайлуу талаа, Каңгуш калаасы, Бээжин жери – адам уулу жеңбеген, ант урган кытай эли (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 214).

Кыргыз колу Бээжинге чабуул коёр астынан ал жүрүшүн мындай чечет: Ары карай Бээжинге – үч ай токсон жол жүрөт. Жолу Уркун дайра – Эрименин боз чөлү – Быткыл-быткыл көп көл. Ошол жерде жүрүш токтоп алты ай кыштайт. Анан ат кара тил болгондо, тогуз айга толгондо Бээжинди чалгын чалышат. Алты ай уруш салышат. Кайра тартканда үч ай жол жүрөт. Ошондо он тогуз айда – бир жарым жылда кайра келишет (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 93).

Бээжинге барар жолду С.Орозбаков дагы бир конкреттештирет: Кордой – Көл-Камыш – Иле – Өткөрмө – Даркан – Өгүз-Кечүү – Калкан – Жүгүрүктүн Жүгөн-Таш – Кара-Саз – Шарпылдак – Аягүздүн Чук-Терек – ЭгизКара – Былкылдак – Эгизектин Кара-Сай – Алтай-Тоодон айланган жер. Мына ушул жерге кырк күндө жетет.

Ал эми Бээжинге жакын жерлер: Бучала тоосу, Кентун, Какан, Чыңшаа талаасы, Бакбурчун, Чоң Бээжиндин кайкысы, Чын-Мачын, Жыяңча, Туңша, Будача.

Буларды Алмамбет айтып жатат, албетте, ал ошол жакта туулган, өскөн дейли, ал эми ал жерлер тууралуу бизге маалымат жеткирген манасчы Сагымбай Орозбаков буларды кантип билет?

Тарыхый маалыматтарды Кытай экиге бөлүнүп турган: Чын жана Мачын. Жанагы биз колдонгон «чыны» деген сөз ошол Чин мамлекетинен келгендиктен «чыны» болуп калган деп жүрөбүз. Кытайдын ушул кезге чейинки англис тилиндеги расмий аты China. Манасчы Жыяңча, Туңша деген кытайча аталыштарды колдонуп жатат. Манжы деп кийинки Манчжур жерин айтат. Токсон калаа Какан делет. Туңша деген тоо, Маңгугуба деген жер, сазаңшаң деген эл тууралуу, алардын улугу Макел-Малгун тууралуу баяндалат.

Манас баштаган баатырлар аттанган Бээжин жери-эли тууралуу бир катар такталбаган маалыматтар айтылып келет, мисалы, аны Чыгыш Түркстандагы эле уйгурлардын борбору (840-жылы эне-сайлык кыргыздар каратып алган Ордубалык), Бешбалык деген пикирлер айтылат. Эпостун текстти менен кылдат таанышып чыкканда Бээжин деп бирде өтө алыскы кытай шаары айтылса, бирде жалпы эле мамлекеттин аты катары туюнтулат. Бул азыркы Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин менен байланышабы? Аталган шаар 1403-жылдан Бэй-цзин делген (Бэйцзин,  北京,  Běijīng), мааниси  «Түндүк борбор». Ошол кезде Нанкин  (南京  – «Түштүк борбор»), Донгкинь (азыркы Ханой) жана Токио  (東京 – «Чыгыш борбор»), ал эми Япониянын борбору Киото (京都) жана Кёнсон (азыркы Сеул) ( 京城) жөн гана «борбор», же «борбордук шаар» делген, демек, Чыгыштагы шаарлар мамлекеттердеги жайгашуу орду менен аталган. 1368-жылдан 1405-жылдарга чейин жана 1928-жылдан 1949-жылга чейин шаар Бэйпин (北平, Beiping) деп аталган, бизче которсок: «Түндүк бейпилдиги», кыргыздын «бейпил» деген сөзүнө окшоп кетет.

Манас жогорудагы аты аталган шаарга барганбы? Эпосто Чоң Бээжин, Түп Бээжин, Орто Бээжин, Чет Бээжин, Бээжин – беш аймак тууралуу айтылат. Булар эпикалык чыгармадагы ойдон чыгарылган топонимдерби?

Журналист-аалым Темирбек Токтогазиев Манастын колунун жолу менен жүргөн сапары тууралуу мындай деп жазып чыкты: «Чоң Бээжинде (Пекинде) болгонубузда кытай өкмөтүнө караштуу «Аз сандуу улуттар комитети» деген уюмдун директору Пу Ёңшең мырза менен жолугуп, сапардагы негизги максатыбыз тууралуу сүйлөштүк. Биздин Беш Бээжинге баратканыбызды угуп Пу Ёңшең мырза: «Силер Манастын келген жолун эми туура таапсыңар» деди. Көрсө, алар Манас жөнүндө жакшы билишет экен, бирок өтө маданияттуулукту сакташып, сурасаң айтышат, сурабасаң унчугушпайт көрүнөт. Бул адамга жолукканыбыздын себеби, тигил шаарларды кыдырып жүргөнүбүздө бийлик органдары текшерип калса, «биздин жүргөнүбүздү мамлекеттик бийлик өкүлү билет» деп айтканыбызга туура келсин үчүн эле.

Андан соң биз Леояңпу шаарына бардык. Бул шаар «Манастагы» Чет Бээжиндин өзү. Ошентип, Манастагы айтылган Беш Бээжинди четинен кыдыра баштадык. Алар: Чет Бээжин (Леояңпу), Түп Бээжин (Лин Хуаңпу, бүгүн Чыфың деп аталат экен), Орто Бээжин (Нин Чиңпу), Чоң Бээжин (Нан Жиңпу – азыркы Пекин), Бээжин (Датуңпу) шаарлары. «Манаста» сүрөттөлгөн Чоң Казат өткөн жерлерди, бүгүн ал көөнө шаарлардын чалдыбарлары мамлекет тарабынан корукка алыныптыр, ошондой эле, Чоң Инген, Чанбайсен тоолорун өз көзүбүз менен көрдүк. «Манаста» сүрөттөлүп-айтылган жерлерди өз көзүбүз менен көргөндө бул шаарлар, тоолор, суулар, ашуулардын турмушта орду бар болуп, чын болуп чыкты, бул албетте Манастын тарыхый инсан болгондугун тастыктаган жаңы табылга»[14].

«Манас» эпосунда беш Бээжин тууралуу айтылып жатса, азыркы учурда ошол бешөө тең бар болсо (айрымдары аты өзгөрүп, айрымдары чалдыбар болуп калса да) бул шаарларды окуп-билбеген, көрбөгөн кыргыз манасчылары кандай кылып ал жерлер тууралуу көрүп-билгендей географиялык түзүлүшүн, климатын, эли-журтун, уруу-уруктарын, жей турган тамак-ашынын түрүн, адамдарынын кебете-кешпирин сүрөттөп айтып жатат?

Алап деген аз калаа,

Аркасынан Коңурдун

Аскери сыйбайт бир талаа (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 301), – деп дагы бир жер тууралуу чалгын маалыматтары киргизилет.

Балдарга, жаштарга, өзгөчө кол башчы боло тургандарга географиялык билим жана маалымат берүү улуу муундун вазийпасы болгон. Манас жаш чагында Акбалта анын бара турган жерлерин, келечекте ала турган аймактарын картадан көрсөткөндөй так, даана көрсөтүп берет.

Ошондо Кошой дөө турган жерди мындай айтат:

Ат-Башы деген жер эле,

Чеч-Дөбө мазар дээр эле

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 385-б.).

Айдаркандын турган жери мындай:

Иленин батыш башында,

Кең Шибердин оюнда,

Кечки суунун боюнда,

Айдаркан деген казак бар

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 387-б.).

Бул же тигил элдин, уруу-уруктун кайсыл географиялык чекитте тургандыгы да белгиленет:

Шымал жагы Балыкарт,

Алды жагы кең Нарын,

Чыгыш жагы Ат-Башы,

Таракайдын кырына,

Чыгып келген убагы

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 396-б.).

Бакайдын кеткен жагы:

Көчүп Бакай кетти эле,

Алты жүз үйлүү эл алып,

Бадакшан, Балык, Керметоо,

Арасында турду эле

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 430-б.).

Манас жаш чагында туугандарын издеп жөнөйт, анын жолунун географиясы: Биринчи точкасы, же старт аянтчасы – Алтайдын Буурул-Токой деген жери – андан атасына таарынып Турпанга келиши, эгин эгип Аккуланы сатып алышы – Ат-Башыга Кошойго келиши – Жамгырчыны издеп Самарканга жол алышы – Кырк-Мойнок деген жерде Бакай, Бөлөкбай жана анын уулдары менен Чоң жиндинин жолугушуусу. Бул жерлердин ар биринин өзгөчө шарттары, малга-жанга ыңгайлуу, ыңгайсыздыгы эпостору кеңири айтылып, биз ал жерлер тууралуу маалыматтарга ээ болобуз.

«Манас» эпосунда баатырлар жашаган аймактардан өтө алыс жерлер тууралуу айтылган учурлар да бар, бул ааламдын кеңдигин билген элдик билимдер менен байланыштуу. Күлчорону айыктыруу үчүн Карадөө Момунжан деген табыпты издеп жөнөйт. Момунжан аяш ата кербенчилик да кылчу экен, аны издеп жүрүп кырк күндө барса, Момунжан Күн жетпеген Күнжүт деген жерде экен (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 66-б.).

Дагы бир каарман Карадөөнүн «ишсапары» мындай:

Кеткен экен Карадөө,

Жердин жүзүн сыдырып,

Төгөрөктүн төрт бурчун

Төрт айлана кыдырып

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 85-б.).

Ошол кыдыруусунда атактуу калаа Бомбейге, эл ашпаган Желпинишке, белгилүү Багдадга, кең Мисирге баргандыгы айтылат. Мында манасчы Жердин төгөрөк деп атат, азыркы Индиянын Бомбей шаары ошол убакта эле атактуу болгондугун билгилөөдө. Желпинишке эл барбагандыгы, ал башка контитентте экендиги, ал жерден аркырап катуу шамал (жел) согуп, жерге тарап тургандыгы, андыктан Желпиниш аталгандыгы, андан ары жер жоктогу белгиленип жатат. Желпиниш бул байыркы кыргыздардын географиялык түшүнүгүндө Жердин чеги, уюл. Багдад болсо бул да байыртадан бери эле атактуу шаар, кербен жолдордун тоому болгон. Ал эми Мисир, орустар айткандай, Египет, чын эле көбүнчө эрме чөлдөрдөн туруп, жери ушундай кеңири экендиги айтылып жатат.

Семетей кайып болуп кеткенде барган жерлери: 3 жыл жердин түбү Желпиниште, 3 жыл «жан баспаган жээгинде, Медиянын чөлүндө» болот (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 209-б.). Мындагы Медия деген кайсыл жер? Азыр Сауд Арабиясына караган Мединабы?

Манасчылар бул маалыматтарды элдер географияны окуй элек кезде да ушундайча кылып айтып, Жердин тегерек формасы, анын уюлдары, ири шаарлары жана өлкөлөрү ж.б. тууралуу угуучуларга географиялык билим берген.

«Манас» эпосунда азыркы Кыргыз Республикасындагы жер-суу аттары да кеңири аталат, мисалы, учурда биз билген, уккан географиялык реалийлер менен дал келген андай топонимдер: Ат-Башы, Нарын, Талас, Кетмен-Төбө, Кокон, Эркеч-Там, Текес, Кулжа, Тоң, Ысык-Көл, Музарт,

Каркыра, Жууку, Ак-Сай, Жумгал, Кемин, Суусамыр, Соң-Көл, Тамга ж.б., демек, манасчылар макрогеографияга гана эмес, микрогеографияга да өзгөчө көңүл бурушат, өзгөчө мындай учурларда мекенчилдик, журтчулдук сезимдери күчтүү чагылдырылат: Кара-Буура, кең Чаткал, Калк жайлаган белимди…

…Күйүк, Чакмак эки ашуу

Белин качан басабыз

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 113-б.).

Сейтек ата журтун издеп бара жатканда Чаткал жерине мындай мүнөздөмө берилет:

Кара-Буура, Чоң-Чаткал,

Таласка туташ керүү экен,

Кыясы кыйбат тар экен,

Кырка жагы жар экен,

Тоосу кемер, керүү экен,

Кең-Чаткал тоосу дээр экен

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 147-б.).

Мына ошол Чаткалдан ашканда эле алды жагы Талас экен. Ал аймактын географиялык өзгөчөлүктөрү: өзөн, тайпак чалкайып, өндүрлүү тоосу даңкайрып, тоо курчаган кары бар; суусу алтындай таза туптунук; каптал жагы капка таш; туура жагы үңкүр, бөксөсү токой чар ж.б.

Таластын табигый кен байлыктары: адырында алтын, күңгөйүндө күмүш бар.

Айчүрөк Кыяздын туткунунан кутулуп келе жатканда: Кара-Буура чоң Чаткал, Кан-Жайлактын этеги…

…Бере, Кара-Дөбө кайкаңча,

Берендер ордо аткан жер (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 164-165-бб.), – деп берилет.

Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,

Үйүрлүү-Марал, Күмүш-Так,

Кара-Буура, Кан-Жайлак (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 173-б.), – деген саптарды окуганда дайыма «КеңКол» дегендин алдына «жылгындуу» деген, «Талас» дегендик алдына «кең» деген эпитеттердин кошулуп айтылганын көрөбүз. Ал эми Үйүрлүү-Марал деген жердин аты эле ал аймактын кандай болгондугун билдирип турат, эмнегедир кийин ошол аты Үрмарал болуп кеткенин көрөбүз. Ал эми Кара-Буура, Күмүш-Так деген жерлер азыр да ошол эле аталышта аталып келе жаткандыгына күбөбүз.

Таластагы жер-суу аттары «Сейтек» бөлүмүнүн Семетей кайып болуп, ага Күлчоронун жолуккандыгы тууралуу бөлүгүндө:

Атактуу Кең-Төр, Кан-Жайлак,

Үргүлүү (Үйүрлүү эмес)-Марал, Күмүш-Так,

Кашаты Беш-Таш, Капка-Таш (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 202-б.), – тууралуу айтылат.

«Манас» эпосундагы географиялык жер-суу аттарынын мынчалык көптүгү, айрым маалыматтарда, 6 миндей топоним айтылат деп белгиленет айтылат[15] кыргыздар жашаган жана көчүп-конгон аймактардын көптүгү, согушта бүлгүнгө учурагандыгы жана дипломатиялык кызматташтыгы менен байланышат. Семетейдин кайып болуп кетип, кайра келгендеги сөзү:

О, журтум, далай чачылдык: Алды болуп Алтайда, Көп бөлүндүң Каңгайга.

Кыйлабыз кетип эренге…

…Кайра тартпас тереңге…

…Кээбиз кеттик бөлүнүп,

Индистандын калкына

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 231-б.), – деп кыргыздын дүйнө жарымына чачылып кеткендиги арман катары айтылып жатат.

«Манас» эпосунун негизинде мындай бир географиялык, этнологиялык сөздүк түзүп чыксак кызык болот эле:

Кызыл баш – парсы эли

Манжу – Манжурия

Чылаба – кытайдын бир уруусу Чынмачын – Кытай ж.б.

Эпосто көп учурда географиялык эки чекиттин аралыгын мезгил менен өлчөгөнүн көрөбүз. Мисалы, Бакай Сарытазга Темиркандын шаары үч айлык жол экенин айткан жер бар.

Айрым жерлердин стратегиялык мааниси да берилет: Алты жол ашкан туу бел (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 395-б.).

Мына ушул элдик географиялык билим XIX кылымдагы жазгыч акындардын чыгармачылыгынан да кеңири көрүнөт. Мисалы, Кара-Кочкордон Чүй бооруна келген Молдо Кылыч бул жердин географиялык шарты, климаты, геологиялык абалы тууралуу минтип жазат:

Кең Чүй ата жарыктык,

Чындап жакшы болгондо,

Чын куранда көктөмү,

Кыштын күнү жакасы, Тизе бою кар болуп, Кыйын болот суугу.

Зампарлаган туманы,

Үч ай-төрт ай кышы бар, Кары кетип калган соң, Алысындап чөп чыгар.

Башкы жагын карасаң,

Кичи-Кемин, Чоң-Кемин,

Кең-Кочкордун суусу,

Капчыгайдай кошулуп, Төмөн карай киргени. Эки Кемин талаасы, Эр Шабдандын өрөөнү. Беркташ ата учугу, Текеликтин сеңири.

Күлдү казак жердеген,

Күңгөй жаккы жерине

Кара-Балта куйганы, Аяк жаккы жери ушул. Билер болсоң мына ушул, Токмок, Бишкек каланы.

Бул өзүнчө эле сөз менен баяндалган географиялык карта, Кочкор өрөөнү менен Чүй өрөөнүн салыштыруу.

Ошондой эле ал бир топ жердин географиялык атласын айтып берет:

  1. «Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Чүй, арасында кең Кочкор, көрсө көңүл тойдурган көрөсөндүү Ысык-Көл… Кетмен-Төбө сол жагы, бержагында Суусамыр, аягында кең Талас, келбетине таң калар»[16].
  2. «Наркы чети Сары-Кол, Алай тоого жанаша, берекелүү Фергана, бери жагын карасаң, алда канча Ала-Тоо, Иле жагын талашкан Күн чыгышы Үрүмчү, Көралбадым, угушум, гүлдөп жатат деп уктум жалпы баары таранчы. Көнүз, Текес, Чоң жылдыз казак менен калмакка качантадан караштуу»[17].

Молдо Кылыч окурмандарына казалдарында («КермеТоо») аймактардын гана бөлүштүрүлүшүн түшүндүрүп берүү менен чектелбей, ушул кыргыз тоолорунда «Издегендин баары бар, телегейи тегизи, илгертеден жетпеген, улуу тоого жер жүзү» деп келип, алмас, темир, таш көмүр, алтын менен күмүшү ж.б. адам баасы жетпес алда канча асыл таш бар экендигин, жер алдында батпай коргошун, жез, мис, коло, күкүрт, туз жаткандыгын жазып чыгат. Буларды Молдо Кылыч кайдан билген, маалыматтарды кимден алган? Албетте, Молдо Кылыч жаратылыш тууралуу элдик билимдерди жана өзүнүн байкоолорун жыйнаган, аларды окуп чыккан китептериндеги идеялар менен салыштырган. Андыктан да геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, инженер-геолог Кубат Осмонбетов «Ырда аталган кен байлыктын баары эле кыргыздын тоосунан азыркы мезгилде табылганын мен жакшы билем. Бирок, алмаз жана алда канча асыл таш биздин Керме-Тоолордон казылып алынып элибиз пайдаланганын биз мына ушул мезгилге чейин эле бүдөмүк сезебиз. Молдо Кылыч жашап турган мезгилде алмаз менен асыл таш жөнүндө элибиз кабардар болушу мени таң калтырат»[18], – деп келип, «Молдо Кылыч кыргыздын жаратылыш жөнүндөгү илимдеринин негиздөөчүсү десек аша кетпейбиз го»[19], – деп айтат.

[1] Матикеев К. Шыңжандагы кыргыздар // китепте: Кыргыздар. 14 томдук. 3-т. Түз.: К.Жусупов,  К.Иманалиев. – Б.: Бийиктик, 2011. – 228-231-бб.

[2] Мамбет уулу Т. Залкар манасчы Жүсүп Мамай айтымы “Манастагы” байыркы жибек жолу жөнүндө учкай изденүү // “Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты” деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 108-110-бб.

[3] Матикеев К. Жусуп Мамайдын «Манас» эпосу // Кыргыз руху. 2010, 26-фев.

[4] Матикеев К. Шыңжандагы кыргыздар // китепте: Кыргыздар. 14 томдук. 3-т. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: Бийиктик, 2011. – 223-б.

[5] Молдобаев И.Б. Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов. – Б.: 2004. – 64 с.

[6] Матикеев К. Шыңжандагы кыргыздар // китепте: Кыргыздар. 14 томдук. 3-т. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: Бийиктик, 2011. – 224-225-бб.

[7] Семетей. Жусуп Мамайдын айтуусунда // http://erkindik.ru/ forum/topic/690

[8] Жаманкараев А. Географические названия Казахстана в эпосе «Манас»  / Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 68 с.

[9] Акматова К. «Манас» эпосундагы топонимдер // «Манас» эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурасы: Эл аралык симпозиумдун тезистери. – Б.: 1995. – 200 б.

[10] Кодоров Б.А. Некоторые вопросы исследования географических названий эпоса «Манас» /Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 128 с.

[11] Жаманкараев А. Географические названия Казахстана в эпосе «Манас» / Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 68-69 с.

[12] Зарринкуб А.Х. Ислам цивилизациясы. – Б.: 2013. – 70 б. (176 б.)

[13] «Манас» сөздүгү. – Б.: 2015. – 192-б.

[14] Токтогазиев Т. Кытайда Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр бар. Жазып алган К.Бийлибаев /[Электрондук ресурс: http://kok-asaba.journalist.kg/2014/01/21]

[15] Кодоров Б.А. Некоторые вопросы исследования географических названий эпоса «Манас» /Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 128 с.

[16] Молдо Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 39-б.

[17] Молдо Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 44-б.

[18] Осмонбетов К. Молдо Кылыч менен Жеңижоктун казалдарынын сыры [Текст] / К.Осмонбетов. – Б.: Айат, 2004. – 14-б.

[19] Осмонбетов К. Молдо Кылыч менен Жеңижоктун казалдарынын сыры [Текст] / К.Осмонбетов. – Б.: Айат, 2004. – 44-б.

 

КЫРГЫЗДАРДЫН АСКЕРДИК БИЛИМДЕРИ

Согушта жеңүүнүн башкы шарты жана чоң мүмкүнчүлүгү – бул же тигил тараптын аскердик билимдеринин күчтүүлүгү, алардын теориясы менен практикасынын туура айкалыштырылышы. Бул билимдер көптөгөн жылдар бою түзүлөт жана көптөгөн аскер жетекчилеринин тажрыйбасында текшерилип чыккандан кийин уруш талаасында сындан өткөрүлөт. Аталган билимдер согуш стратегияларынан, тактикаларынан, согуш куралдарынан, аскерлердин курамынын күчүнөн, урушка даярдыктарынан, жоокерлердин моралдык-психологиялык абалынан ж.б. компоненттерден турат.

Эне-Сай кыргыздарынын аскер иштерин жана курал-жарактарын изилдеген Ю.С.Худяков жоокерлердин негизги куралы алеңгир жаа, жазы кылкан, үч кырдуу сыр жебелер экенин, чабуул койгон – аламан жапырыкта, жиреме чабуулда шыргый сыптуу сыр найза, эки миздүү селебе кылыч, тинте, айбалта колдонулгандыгы, калкан алып жүрүшкөндүгү, башына туулга кийишкендиги, сапсап болуп адегенде ач айкырык, куу сүрөөн менен күлүк ат минген жаачылар, алар тополоң чыгарып, калайманга салганда атайын даярдыктагы найзачылар согушка тартылганын, күч алсырап кетип жатса, чегине да билишкенин жазат. Окумуштуунун изилдөөсүндө эне-сайлык кыргыз жоокерлери казатка чыгуу үчүн 70-100 миңге чейин топтолгон, чалгынчылык жүрүштөрү уюштурулган, Саян-Алтайдан тартып, Байкалга, Чыгыш Түркстанга чейин жоортуулга чыгып турган[1].

Мына ошол Эне-Сай кыргыздарынын V-VII кылымдагы уруулук принцип боюнча курулган аскердик түзүмү, согуштук тактикалары «Манас» эпосундагы эпизоддор менен көп жагынан дал келет. Жогоруда Ю.С.Худяков археологиялык табылгаларга, таш бетиндеги жазууларга, тарых боюнча анча-мынча калтырылган маалыматтарга таянып, кыргыз жоокерлеринин аскер билимин жана өнөрүн илимий негизде изилдөөгө алса, манасчылар ошол окуяларды адабий-көркөм чыгарманын нарк-насилине ылайык жалпылап, образдуу сүрөттөөлөрдү колдонуп баяндап берет. Мында илим менен искусствонун бир эле маселе боюнча тогошуусу ишке ашып жатат.

Ю.С.Худяков кыргыз жоокеринин салттуу куралынын набору аралыктан (дистанционный), жакындан (ближный) согушууга жана коргонууга ылайыкталганын жазып, алар абдан кылдат иштелгенин жана фольклордук чыгармалардагы сүрөттөөлөр менен тарыхый даректер туура келерин белгилейт[2].

Кыргыз жоокерлери «Манас» эпосунда ар түрдүү согуштарга кирет: миңдеген душман менен кармашкан аламан уруш, орто жана майда топтор менен чакан согуштар, жекеме-жеке чыгуулар, чегинип баратып согушу, буктурмада туруп согушуу. Алар чалгынчылар, оң канаттагылар, сол канаттагылар, ортодогулар, арттан жардамга келүүчүлөр, күчтөн тайыгандарды алмаштыруучулар ж.б. функциядагы жоокерлер болгон. Негизинен атчандар жана жөө согушкандар деп экиге бөлүнгөн, анча-мынча төө мингендер учурайт, ошондой эле согушка кирбей ханды, ордону ж.б., маанилүү жерлерди кайтаруучулардан турган топтор болгон жана ар биринин согуштук абалдагы милдек-кызматы өтө так аныкталган. Согуш абалындагы эрежелерди бузгандар үчүн жаза катуу каралган: башын алуу; өлүм жазасына тартылуу; кулдукка мажбурлоо; элден көчүрмө кылуу ж.б.

Шинжаң теле көрсөтүүсү которуу-редакциялоо борборунун кыргыз бөлүмүнүн кызматкери Мамбет Аамат: «Баатырлардын жоокерчилик заманында жортуулу ар кандай ыңгайда болгон, жортуулга өткөндө, чабуул койгондо ар кандай айла-амал, тактика же башка чеберчиликтерди колдонуп, душманын жеңүүгө аракеттенишкен», – деп келип, «Манас» эпосундагы Манас баштаган баатырлардын согуштук тактикалары катары төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

Баатырлар жоого тикесинен тик тийип, кан майданга түз кирип барган.

Кээ бир тайпаларды түндөсү келип, уктап жаткан жеринен төрт түлүк малы менен бирге чаап кеткен.

Айрым чабуулдарды билгизбей, тымызын жасаган.

Бир бөлүк урууларды төрт тарабынан курчап келип чаап алган.

Жаныбарларды пайдаланып чабуул койгон.

Кээде быяктан шыбырт берип, тыяктан чабуул жасаган.

Жоонун көп-азын билиш үчүн «кычырткы» салышкан.

Жоо көп болсо «буктурма» коюп согушкан ж.б.

«Дегинкисинде, эпосто баяндалган кызыл кыргын, кара сүрөөн согуштарда, жортуул-чабуулдарда түрдүү тактикалар колдонулган. Бул баатырлардын, учурундагы согуш стратегиячыларынын акыл-парасатын, согуштук дитин айгинелеп турат»[3].

Мына ошондой стратегиялык жана тактикалык жөндөмгө ээ болуш үчүн аскердик (согуштук) билимдерге жетишүү керек эле. Андай билимге жетишүү жалаң эле практика менен ишке ашпайт. Муну үчүн улуу муун кичүү муунду аскердик өнөрдү өздөштүрүүгө үйрөткөн, көнүктүргөн, илимий билимдерин жана практикасын кийинки муунга сиңирген. Ал гана эмес башка өлкөлөрдүн аскер курамы, аскер куралдары, аскер өнөрү боюнча атайын жашыруун түрдө барып өздөштүрүп келген жана алардын сырларын өз жоокерлерине үйрөткөн. Согушта жеңишке жетише турган тактикалардын базасын түзгөн, аларды керектүү учурда колдоно билүүнүн технологияларын иштеп чыккан. Манастын хандыгында аскерий билим бере турган адистер болгон, алар жоокерлерди аскер өнөрүнө, согуштун ар кандай түрлөрүнө үйрөткөн.

Бакай акылман карыя гана эмес, аскердик машыгууларды өткөрүүнүн тренери да катары көрүнөт, ал «Көкөтөйдүн ашында» кырк чоро менен бирге отурган элге аскердик ыкмаларды оюн формасында көрсөтөт, демек, ал атайын аскердик машыгуудан өткөн жана анысын кийинки жаштарга өткөрүп берүүгө компетенттүү адис.

Эми айрым бир уруш тактикаларына, согуш түрлөрүнө көңүл буруп карап чыгалы. Жусуп Мамайдын варианты боюнча Гүлчоро менен Жубатай адегенде баш аламан урушат. Андан кийин кезек менен урушту баштайт. Кезек бир болбой үч болсун дешет, демек, бири үч жолу туруп берет, экинчиси, ага үч жолу кол салат. Жубатай «биринчи кезекти сен ал, мен туруп берейин» дегенде Гүлчоро «сен алыстан келдиң мен туруп берейин, сен башта» дейт.

Илгеркинин алптары, Кезектешип урушчу. Кезекти берген баатырлар, Майданга кирип туруучу.

Кезек алган баатыр ал,

Ат менен келип айкырып, Жактырганы кай жарак, Ошону менен уруучу.

Кыймыл этпей, кыңк этпей,

Беркиси карап туруучу

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 203).

Мына ушул – жеке чыгып кезектешип урушуунун эрежеси. Буга эрлердин эрлери, абдан баатырлар, кылдат машыккандар гана чыккан жана алар бир уруунун, же бир элдин намысын алган. Ошентип Гүлчоро калканын кармап, туулга кийип, күмбөздөй болуп дүмпүйүп туруп берет. Биринчи жолу Жубатай жаа менен атат, Гүлчоро ат сооруга жыгылып, жаздым кетирет, экинчи жолу атканда жаанын огун кармап калып, «калмактын огу олжо деп, колумсага салып алат». Анан Жубатай сырты калың болот, мизи жок балтасын алат, андан да Гүлүс аман калат, эми чокморун, үйдөй болгон чоюн башын иштетет, алардан да кыргыз баатыры кутулат. Гүлчорого кезек келгенде биринчисинде атадан калган сур жебесин салып жаа атат, экинчисинде мизи жок уңгу балтасын менен чабат, үчүнчү жолу да балта менен чапканда калканынан дайын калбай, туулгасы таш талкан болуп, камыр болуп жуурулуп, кан ичинен куюлуп, жаны тынат.

Андан башка алеңгир уруш деген болгон: Алеңгир кылган урушун (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 135).

Аламан уруш тууралуу айтылат: Аламан уруш (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 197). Булар көп адам катышкан согуш тактикасы болуп, аламанда кимдин ким экендиги аныкталган:

Отуз жүз миң санаты,

Аламан-чабуул жүргөндө

Жазылды элдин канаты (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 323), – деп аламан согушка отуз миңи бир чыкканы, баатыр жигиттер анда каалагандай уруш көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгы айтылып жатат.

Манастын алгачкы согушу мындай сүрөттөлөт:

Алар төрт жүз, бу үч жүз, Чабышкан жери керме түз.

Айбалта башка шака-шак,

Чоюнбаш башка чака-чак

Найзаны төшкө мылгытып,

Манжулуктун кыйласын

Айлын көздөй дыргытып

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 140).

Адам күчү тең келбеген учурда да кыргыз жигиттери качпай согуша бергенин, алардын колунда айбалта, чоюнбаш, найза болгондугун, манжулар көп болгонуна карабай аларды Манас баштаган балдар айлына чейин кууп баргандыгын көрөбүз.

Манастын душмандары урушка атайын аскерлерди гана эмес мандыкер деп бир-эки жолу катышууга да жалданма кишилерди алганды айтылат. Мисалы, Нескара жаш Манаска каршы мандыкерин кошуп алты миңден ашык киши менен согушка аттанат (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 180).

Алты миң төрт жүз кол менен басып кирген Нескараны он үч жашар Манас баштаган кыргыз аскерлери абдан күчтүү жана амалдуу тактика менен гана жеңиши керек эле, себеби аскер саны чандабайт болчу. Ошол кездеги Манастын согуш ыкмасы:

Аскердин алдын кайра жапырып,

Жазайылды жаткырып,

Күлдүр мамай мылтыкты

Күркүрөтө аттырып,

Күлдү колун жапырып,

Күлдөн бетер сапырып,

Нескаранын аскерин,

Эрдемсинген көп элин

Жолун бууп алыптыр, Жоболоңду салыптыр

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 199).

Бул гана эмес Манас арыстандан айкырып, кол баштап, согушка кирет. Айдаркан уулу Көкчө кытайларды жекеме-жекеге чакырат. Наймандардын Карабак кырк жигитти баштап күркүрөп жүрөт. Кыргыз жигиттери жана алардын тарапташтары душманга бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, коллективдүү чыгат.

Душмандын баатыры Даң-Даң менен кыргыз жигити Күнөс беттешкенде адегенде найза менен сайышат, найза менен тирешип туруп айла болбогондо, күрсү менен күркүрөшүп чабышат, анда да жеңиш болбогондо экөө эңишүүгө өтөт. Манасчылар жеңиш жалаң эле кыргыздар тарабында болбогонун, душман аябай күчтүү экендигин «Күнөс өлдү таң болуп, тийген жери чаң болуп, кызыл жаян кан болуп, чарайнасы дат болуп» деп образдуу жана трагедиялуу сүрөттөйт  (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 202). Бул өлүм кыргыз тараптагы жигиттерге катуу тийет, атасы Айдаркандын «балтыр этиң толо элек, балбан күчүң боло элек» дегенине карабай уулу Көкчө жеңиш менен шерденип турган Даң-Даңга жекеме-жеке чыгат, ал мурда душманынын байкап турганбы, акыл менен найза сунарда анысын кагып жиберип, куралсыз калтырат да, найзасын ооздон сайып, моюнун талкалап, шилиден чыгарат.

Жекеме-жеке андан кийин да уланат, эми бир-бирге Манас чыгат, ал Күдөң, Ыраңшоо, Шаңмусары менен беттешип, аларды жок кылат. Анан түбү кытай маңгүбө, он тогуз жаштагы Нескара менен беттешет.

С.Орозбаковдун вариантында Манас жолдоштору менен салбырындап жүргөндө кытайлар капысынан кол салат.

Ошондо согуш тактикасы мындай жүрөт:

Биринчи тактика – Манастын каарданышы: Кабылан Манас айкырып, Каарданып бакырып.

Экинчи тактика – Айдаркан уулу эр Көкчөнүн согушу:

Айдаркан уулу эр Көкчө,

Алактатып кытайды, Бир четинен жапырды,

Асманга чаңын сапырды.

Үчүнчү тактика – аз киши болсо да айгай салуу: Сексен киши айгайы,

Сегиз миңдей кол болду.

Төртүнчү тактика – күч аз болсо да душман колун орто жерден оюшу:

Орто жери оюлуп

Өлүгүнөн жол болду.

Бешинчи тактика – аралаш уруш салуу: Аркасынан сексен төрт, Аралаш уруш салыптыр.

Алтынчы ыкма – кытайларды Үркүндүн суусуна кууп киргизүү:

Суу үстүндө сулайып…

Шалкайып сууга кетишип…

Кытайлар көзүн салыптыр,

Дарыядан кече албай

Кыргын болуп калыптыр

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 259-260). Мына ушул урушта Манастын сексен жигити Эсенкандын тогуз жүз колу менен согушуп, алардын жети жүздөйүн өлтүрөт, өлгөндөрдүн ат-тонун, жылкыларын, курал-жарагын олжолойт.

Олжо – согуштун дагы бир тактикасы, анда душмандын курал-жарагын көрүп, алардын кандай жасалганын өздөштүрөт, өздөрүнө сабак алып, аскерий техникаларын өркүндөтөт.

Аскердик илимде жоокерлердин саны эмес, сапаты биринчи орунга коюлат. Манас эң алгач калмактарды катуу талкалап, жеңиштин урматына той бергенден кийин калмактар кайра согушка даярданат. Алар бүт согуштукаскердик күчү менен Сарарканын кең түзүнө жайгашат, кыргыздар болсо Артуунун сары белине конот. Ошондогу кыргыз колунун саны: 40 чоро – үч кары (Акбалта, Бакай, Жамгырчы) – Манас менен Чубак – 484 жан. Алардын арасында жүргөн адистер: төлгөчү Төлөк, актай далы көрүүчү, далычы-аалым Алекен, түлкүнүн изин жаңылбас, куусу Шууту, бийи Абдылда. Мына ушулар аскердик-согуш өнөрүндө табылгыс адистер болуп чыга келет: бири төлгө тартып эмне болорун алдын ала айтып берет (Төлөк), бири из кууганда жазбас (Шууту). Мына ушуларды ылгап туруп, кайгуулга жиберет. Өз шыгына жараша бөрү жолдуу Бөгө уулу, Ырамандын Ырчы уулу, ыктуу Бозуул чатыр кайтарат. Кыргыл каркылдап аскерлердин бирин уктатап, бирин сактоочуга чыгарып, нөөбөт планын түзөт.

Маалы келгенде, чабуулга өтөр кезде Кыргыл доол кагып жиберет, муну күтпөгөн калмактар жаткан жеринен «ыштанга чычып таштайт». Бакай туу көтөрөт, туу түбүндө Акбалта менен Жамгырчы жүрөт. Анан «Аккула ат минип болкоюуп, так ополдой зоңкоюп, колунда найза койкоюп, нөкөрү бутта чойкоюп, кылыч кында шыңгырап, айбалта белде кылдырап» Манас кол баштап барат. Мына ушул аскерий жүрүш, аскерий эреже – кыргыздардын бекем карманган эрежеси болгон жана ал жеңишке алып келген.

Ал согушта 60000 калмакты 484 кыргыз жеринен айдап жоо кууган. Кача баштаган калмактарды да КызылКыя белинде Сыргак өзү бирин да өткөрбөй салгылашып турду, ал жерден өтө албай бөксөгө качышканда «качкан жоодо кайрат жок» деп катарда жок чорлор да канчасын сайды, Кыргыл баштаган 40 чоро аз дегени жүздү алды, көп алганы миңди алды, куру калганы онду алды (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 544-б.).

Мындагы жеңиш согуштун стратегиясын жана тактикасын жакшы билгенден, жакшы куралдар менен куралдангандан, жаш чактан согуш илимин жана өнөрүн мыкты билгендиктен, жер сырын туура өздөштүргөндөн улам да келип отурат.

Мына ушундай тактикаларын улам бышырып, улам толуктап отуруп акыры Манас хандыгын курат. Хандындын борбору Талас болот. Манастын Таластагы хан ордосунун аскери тартиби мындай:

Ал эми ордонун курулушу:

Коргону – коло тоо

Каалгасы – сом калай

Капкадагы (дарбазадагы) кароолу – он эки күзөтчү

Он эки күзөтчүнүн бешөө – бек заада, жетөө – желдет.

Мына ушулар Манастан буйрук күтүп гана турат. Буйрук болгондо:

Доол катуу кагылды,

Самаганы табылды Он эки миң аскери

Ошо жерде азыр жабылды. Бир миң колу көк болуп,

Курттай кайнап чыгыптыр, Кумурскадан көп болуп.

Бир миң аскер сапсары,

Билсең сонун булары,

Бир миң аскер ак болуп,

Жоо шайманы чак болуп,

Жарагы бойго карк толуп,

Түркүн-түркүн түмөн кол

Дүңгүрөп чыгып алыптыр,

Дүнүйө жүзүн чаң басып,

Капкара болуп калыптыр

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 23).

Бул тактикага караганда ордого жоо келсе эң биринчи доол (добулбас) кагылат. Доол үнү бүт аскерлер турган аймакка тарайт. 12 000 аскер дароо даяр болот: 1000 аскер көк, 1000 аскер сапсары, 1000 аскер ак түс менен чыгат. Түстөр аскерлерди айырмалоодо, жетектөөдө өзгөчө мааниге ээ болгон. Буларга кырк жигит команда берет, алар: казак жигит Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Шыңгынын уулу Кербен, Дөрбө, Бөгөлү, Ырчыуул, Бозуул, Тазбаймат ж.б. Кол баары бирдей жүрбөйт: оң жагында 4000, сол жагында 4000, арт жагында 4000 болуп үч бөлүк болуп жоого кирет.

Бир жолу Манастын аскерлерин аларга кошулуу үчүн келе жаткан колду тосууга чакырганы мындай тартипте, иретте берилет:

  1. Түн ортосунда аккелтесине кой боорундай коргошунду кочуштап куюп, күн чыгышты каратып күркүрөтө бек атат.
  2. Аркасынан алтын доол бек кагылат.
  3. Манастын ач кыйкырыгы жаңырат.
  4. Жазайылчы жигиттер дүрбөп туруп замбирекке барышат.
  5. Абзел деген замбиреги атылат.
  6. Уйкуда жаткандардын умачтай көзү ачылат.
  7. Кырк жигит аттарын минип, жоо жарагын алып Манастын жанына келет.
  8. Манас дөбөгө чыгат.
  9. Кырк баатыр дөбөгө кырка отурат.
  10. Кырк жигит жана кол төрт сап болуп бөлүнөт: астында Бакай, андан кийин Кыргыл чал, кийин Алмамбет, андан соң Сыргак.
  11. Бүт кол катары менен, курал-жарагы менен тизилип турушат.

Манастын сакчылары: астында – 20, артында – 20, оң жагында – 20, сол жагында – 20. Андан да жакындары – артында кыйгактуу найза көк түпөк алган кырк жоокер, асты жагында алты жасоол, он эки жайсаң, жети желдет жол ачып келет. Алтын тагында ажыдаар курчап сойлоп турат, алты бурчунда алты жолборс кайтарат, андан ары арстандар. Дагы такты орогон он жүз миң улан, сексен төрт чоро Манасты алты курчап турушат.

Дагы бир уруш тактикасы – басырык уруш. Бээжинге согушка жиберип жатып Каныкей кырк жигиттин кийимдерин тартуулоодо, кышында кийүүчү тумакка келгенде:

Басырык уруш салышса,

Башынан түшпөй жүрсүн деп,

Кырк чорого – кырк тумак (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 91), – деген жери бар. Ага караганда бул жеңилип жаткандагы согуш. «Басырык көрүп алдык деп, башчыбыз жок калдык деп». «Кысым, кордук, зордук, ыза, басмырлоо» катары түшүндүрүлөт[4]. Басырыкта жоокер өзүн өзү коргонушу, душманга колго түшпөшү, күч аз болсо да туруштук бериши керек болот.

Кыргыз колу Бээжинге аттанганда онбашы, жүзбашы, миңбашы, баатырбашы (10000), бек (100000 аскердин башчысы) дайындалып, ошолор ар бир жаран үчүн жооптуу болгон, улам жогору жакка билдирип турган.

Алардын символдору мындай белгиленген:

Бир бектикке – бир туу

Бир баатырбашы же түмөнбашыга – бир туу, баары – отуз туу

Бир миңбашыга – бир байрак, баары – отуз миң байрак Жалпы колго үч жүз керней, үч миң сурнай.

Бул кыргыз колунун Алмамбет бекиткен өтө катуу тартиби, кол эсебин алуунун, өлүү-тирүүлөрүн тактоонун жолу.

Аскер илиминде чалгынга баруу, ал жактан «тил» кармап келүү жеңишке жетүүнүн биринчи жолу катары эсептелет. Бул ыкманы кыргыз жоокерлери да колдонот. Алмамбет, Чубак «кентундуктан тил кармап» келе жатканы айтылат (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 247). Алманбет чалгын чалып жолду жана географиялык аймактарды мындай белгилейт:

Кайнап жаткан Каканчын, Тунуп жаткан Туңша бар, Түтүнү туман Түп-Бээжин, Чылан, Дарбан, Чын-Мечин.

Какандын Туңша калаасы, Бир айчылык жол болот

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 255).

Душман менен согуш аябай катуу болот, куралдардын бардык түрү колдонулат:

Мөндүрдөй түштү аткан ок,

Милтенин баары – кызыл чок (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 310).

Алмамбет, Сыргак болуп чалгында жүргөндө алар Коңурбайдын колуна кабылат, ошондогу абал:

Мылтыктын калды огуна,

Жазайыл менен тобуна

Жатып калды баатырың

Жалын менен чогуна

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 323).

Ушундай татаал учурда да Алмамбет жаш Сыргакты сабырдуулукка, коркпостукка чакырат. Согушта жеңилбөөнүн, багынып бербөөнүн жолу – душмандын чабуулу кезинде алдастап, коркуп калбоо, өздөрүн жоготуп колго түшүп бербөө. Андыктан да Алмамбет:

Каныңды  койбой жууп ал, Жанагыдай демикпей, Эсиңди жыйып, сууп ал!

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 324), –деп акыл айтып жатат.

Согуш – кыргыз жигиттеринин кадимки иши, күндөлүк жашоосу катары кабылданган, андыктан алардын психологиясы согуштук психология, чабуул коюунун психологиясы болгон да, аламан-чабуул деген тактика менен согушка киргенде кадимкидей чыйралып, жазылып калган. Себеби алар ошол согушка, согушта чабуул коюуга даярданып, камынып келген.

Кытайлар менен бетме-бет чыгып согушка киргенде душман аябай көп болуп, жамгырдай жаа тартып, мөндүрдөй ок атып Манаска жетип турганда, айкөл КөлКечүүдөн чыга албай турганда баатырды көзөмөлдөп Алмамбет менен Чубак жете барат да мылтык менен ондон, бештен окко учурат, жазайыл мылтык дагы атып, койчагыр менен топ атып, Манасты коркунучтан сууруп чыгат. Мына ушундай кыргыз жоокерлеринин согуш тактикасында коркунучта калган жигиттерди бошотуп алуу да чоң мааниге ээ болгон. Аны үчүн жоокерлер бири-бирин байкап, алыстан көзөмөлдөп турган. Алардын ошол көзөмөлүндө өзгөчө Манас баатыр болгон. Эгерде дүйнөлүк согуш тарыхын карап көргөндө бул же тигил аскерлердин тактикаларында кол башчы, полководец, жаангер ж.б. жетекчилер уруш талаасын алыстан туруп көзөмөлдөп, жанындагы жардамчылары аркылуу буйрук берип башкарып турат, ал эми Манастын колунун согуш эпизоддорунда дал ошол Манас өзү баштап урушка кирип, жоо менен биринчи өзү бетме-бет келген. Мына ошондо гана калгандар жалпы кан майданга жапырт аралашкан. Муну алар аламан-чабуул, аламан-уруш тактикасы деп аташкан. Мына ал учур:

Калың кошуун, түмөн кол

Кыйкырып кирип калышты.

Демек, кыргыз колунун биринчи тактикасы – урушка кыйкырып кирүү. Мына ушул кыйкырып кирүү азырга чейин кыргыздар арасында, а түгүл балдардын оюндарында да сакталып калган. Алар «Манастап» ураан чакырып кирет. «Ур! Ур!», «Сок! Сок!», «Алга! Алга!» дегендей сырдык сөздөр, сүрөөндөр менен кыйкырат. Кыйкырык – жоокерлерге дем берүүчү, алдыга үндөөчү магиялык касиетке ээ ураан сөз болгон. Андан ары:

Аламандап ат коюп,

Ат койсо да, бат коюп.

Кыргыз жоокерлери – негизинен аттуу кошун болгон. Согуштар үчүн атайын аттар тандалган, үйрөтүлгөн, алар согушка киргенде тайсалдап туруп калган эмес, дароо эле ээсинин айдоосунда душмандын алдынан торой чыккан. Мына ошол аттарды жоокерлердин баары жоого каршы бирдей коё берген жана өтө бат чаап душман менен бетме-бет чыккан. Мындагы кошундун тутунган тактикасы – жалпылык (аламандык) жана баттык (ылдамдык).

Анан ошол аламан ат үстүндө бат бара жатып эле бир мезгилдеги экинчи кыймылды аткарат: аткычтар жаа чоёт, мылтыкчандар атат, доолчондор доол кагып, карсылдатат, саадакчандар жебелерин ышкыртат, кылыччандар кылыч менен чабышат:

Асаба желек жалпылдап,

Карап турсаң ушуну,

Кара кыргыз кошууну,

Каптап кирип калганы,

Жашы менен карыганы,

Жалгызы бура тартпастан,

Жалпы кирип алганы

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 338).

Кара кыргыз кошуунунун дагы бир сапаты – асаба желектер менен жүрүшү. Бул асаба желектер, биринчиден, жоокерлерге дух берген, экинчиден, өз бөлүктөрүн бир туу астына бириктирген; үчүнчүдөн, бөлүнбөй, адашпай жүрүүгө, согушта адашып кетсе, өз бөлүгүн таап алууга жардам берген.

Мына ушул асабалар желбиреп, доолдой тартылганда кошуун душманга карай каптап кирет, жашы да, карысы да бирдей кирет, жалгыз бирөө да кайра артына бура тартпайт.

Күлчоро менен Кыяздын согушу:

Бет маңдай турушуп, кылыч шилтеп, балта чабышат.

Кылыч сынган соң айбалта менен чабышат.

Маңдай-тескей турушуп, мылтык атат, жаа тартат.

Багалектен алышып, балбандардай чабышып, жөө кармашат.

Көк букадай сүзүшөт (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 126-б.).

Ошентип экөө алты күн тынбай кармашат.

Желмогуз уулу Сарыбай келе жатканда Күлчоро жалпы Таластагы элге-журтка кайрылат:

Кутурма тийген акмакка, Калкты кантип берели?

Куп ажал жетсе, өлөлү! Мылтык атып, жаа тартып Кыйырды сактап келели!

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 220-б.).

Бул сөз чыныгы аскер жетекчисинин сөзү, кыйыр бул – чек ара, бир мамлекеттин чеги. Ал кезде булардын өз чеги, башкалар кирип келбей турган жана ээлик кыла албаган аймагы болот, Күлчоро мына ошол кыргыз кыйыры тууралуу, аны сактоо тууралуу айтып жатат.

Анан ошол Сарыбайга каршы турууга, жолун тосууга аттанган кыргыз колунун аскерий жүрүш ыкмалары:

Эрендердин баарысы ок өтпөс тон киет, кыяптуу болот байланат, кара болот зулпукорлорун көкөлөтүп, жаркылдатып колго алат.

Күндүз жүрбөй, түн жүрөт.

Колдун баарын чогуу алып жүрүшөт.

Жолго салынгандар: жазбай аткан мергендер, ыктуу найзакерлер, айбалтаны мыкты чапчуулар, жоонун айласын билчү жоо бөрүлөрү.

«Очогор сунуп бор атып, очогор үнү буркурап» барат.

Жоого аттанган түмөн кол «Кан Манас» деп ураан айтып чуркурайт.

Эрендери жол баштайт.

Жез най үнү бакылдайт.

Кериней үнү такылдайт.

Доболбас кулак тундурат.

Башчылар төмөнкүдөй тизилет: туу түбүндө Семетей, туурасында Күлчоро, кол баштаган Сейтек (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 221-б.).

Сарыбай менен Сейтектин жекеме жеке чыгышында кезек-кезек найзаны бири-бирине урушат. Мындай жекеме-жекеде баатырлар гана эмес, алардын аттары да кадимкидей «согушат»: Кулансур менен Тоокызылдын буттары жерге батат. Экөө найзалашат, анан мылтык атат, жаа тартат, балталашат, кылычташат, карагай найза кагышат. Ошентип экөө жети күнү тыным албай согушат.

Кийин мөөнөт алып, эс алуусу бүтүп, дагы бир топ урушкан кезде согушка Куялы чыгат, ал Сарыбайды өлтүрөр кезде «Өз убалың өзүңө, эмгегиң кара төбөңө» деп туруп колундагы Сырнайзасын булкуп-булкуп алат (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 254-б.).

Согуш стратегиясы менен тактикасында аскер саны да манасчылар тарабынан маанилүү экендиги өзгөчө бөлүнүп айтылат:

Кара аскери эсепсиз (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 136).

Айдама кошун кол (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 213).

Казак Үмүтөйдун колу мындай болгондугу белгиленет:

Атайын беш миң кол жыйып, Ар сабында миң кылып. Найза саяр ыктуудан,

Жазбай атар мыктыдан,

Кылыч чабар кыйындан, Жигиттерден ылгаган.

Балта кармар баатырдан

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 216) ж.б.

Ошентип, «Манас» эпосунун сюжетине жана образдар курамына кыргыз элинин байыркы учурлардан тартып, көп кылымдар ичиндеги согуштук-аскердик билимдери сиңдирилген жана алар бул элдин улуулугун даңазалоочу көрүнүштөрдөн.

[1] Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – Б.: «СоросКыргызстан», 1995. – с. 116-125.

[2] Худяков Ю.С. Вооружение кыргызского воина в позднем средневековье (К вопросу о возможности идентификации некоторых реалий из эпоса «Манас»  / Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 5 с.

[3] Аамат М. «Манас» эпосундагы согуш тактикалары // 2015-жылдын 24-25-октярбрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 646-647-бб.

[4] «Манас» сөздүгү. А.Акматалиевдин жалпы редакциялоосунда. – Б. «Бийиктик плюс», 2015. – 63-б.

ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМДЕР

Техника – бул билим менен илимдин натыйжасы, адам акылынын жогорку даражада өсүп-өнгөнүнүн көрсөткүчү. Адамзаттын тарыхы – согуштардын тарыхы дейбиз, мына ошол согуштарда кайсыл тараптын техникасы күчтүү болсо, ошол тарап жеңишке жетишкен.

«Манас» эпосунда сүрөттөлгөн техника азыркы замандын көз карашынан, түшүнүктөрүнөн караганда алда канча жөнөкөй болуп калат, бирок ошол доордун чен-өлчөмү менен көз жүгүрткөндө алар чын эле ошол кездин адамдары ойлоп тапкан жаңы ачылыштары катары каралууга татыктуу. Албетте, баатырдык эпостордун поэтикасынын мыйзамдарына ылайык согуш техникаларын, аскер куралдарын сүрөттөөдө гиперболалар кеңири колдонулат, бирок, ага карап эле биз ал техникалар манасчылар тарабынан бүгүнкү күнү ойлоп табылган, эпостун мазмундук-көркөмдүк курамына кийин гана, азыркы замандын көз карашы менен кошулуп калган деп айтууга болбойт. Ошол кезде ошондой техникалардын болгондугу же болушу мүмкүндүгү шек туудурбайт. Айрымдарын карап чыгалы.

«Манас» эпосунда эң кеңири колдонулган жана аскер ишинде, турмуш-тиричиликте алысты жакындатып көрсөткөн оптикалык аспап бул – дүрбү, же турнабай.

Ал – согушта жеңишке жетишүүгө аябай салым кошот.

Муну айтып, кан Манас

Боосун албай мойнунан,

Болк дедирип дүрбүнү

Сууруп алды койнунан (СК, 2010, 945)

Бузулган дүрбү айынан,

Жердин бетин чалдырган (СК, 2010, 945)

Кайра байлап кабыштап,

Кадимки чоң дүрбүнү

Аккелтенин үстүнө

Кошо байлап табыштап (СК, 2010, 1502).

Мына ошол Манастын дүрбүсүн жасоо чыгармада өзүнчө эле кеңири жана ырааттуу берилет да, анда адам акылынын таң каларлык дааналыгы көрсөтүлөт.

Саякбай Каралаевде баатырдын дүрбүсүн Бөлөкбай жасайт:

Күнү-түнү телмирип, Кынабына келтирип, Чоң дүрбүнү жасаган. Жакут ташты жардырган, Айнегине салдырган.

Абыдан жатып оңдогон,

Алты айлык жолго болжогон. Сабына көөхар кердирген: «Акың менде калат» – деп, Айдап жылкы бердирген.

Келип конгон Таласка, Усталыктан Бөлөкбай

Чоро болгон Манаска.

Кадырлуу артык жан кылган

Чоң дүрбүнү колго алып,

Чыгырыгын имерип,

Чындап көзүн жиберип,

Бурамасын имерип,

Буруп көзгө жиберип,

Кармап карап калганы (СК, 2010, 946).

Кетмен ооз кең дүрбү,

Кере кулач чоң дүрбү, Алтындан кылган сабы бар,

Бой тумар чалыш кабы бар.

Ичин алтын ашаган,

Айнегин көөхар жасаган,

Жакут таштан жардырган,

Артык уста Бөлөкбай,

Айнегине салдырган (СК, Семетей, 1, 142)

Жолборсуңдун чоң дүрбү,

Сабына алтын кердирген.

Кырк кысырак, миң байтал

Төкөр уста Бөлөкбай,

Мунун акысына бердирген (СК, Семетей, 1, 142).

Көрүнүп тургандай, айнегине жакут салдырган, кетмен ооз, кең, кере кулач, алтын саптуу, бой тумар каптуу, ичине алтын ашаткан, айнегине көөхар кошкон баалуу буюм, буюм гана эмес, атадан балага өткөн таберик. Аны ким жасаган!? Ошол эле кыргыздан чыккан төкөр уста Бөлөкбай жасап атат. Аны жасаганы үчүн устанын акысын баатыр Манас «Кырк кысырак, миң байтал» бердирип, Таласка көчүрүп келтирип, кырк жигиттин бири кылып атат.

Сагынбай Орозбековдун вариантындагы дүрбү «айнек оозу кызарган», «тиктегенин өлтүргөн», «алты күндүк жолдорду аркан бою келтирген» касиетке ээ (СО, 4, 200).

Тоголок Молдонун жана Омор Соороновдун белгилөөсүндө Тыныбектин вариантындагы дүрбү:

«Ичи өрттөй кызарган».

«Кулач, карыш узарган» (демек, бүктөмө болгон окшойт)

«Ак кадекке орогон».

«Тегерегин тегиздеп,

Кылган экен кооздоп,

Жакут менен учтатып,

Кобул салып чаптырган, Алтын менен күмүштү Аркы-терки кактырган». «Алты ооз чоң дүрбү, Алты бурап житирген.

Алты күндүк жерлерди, Алты аркан бою жеткирген. Жети күндүк жолдорду, Жети аркан бою жеткирген. Кере кулач, кез бою Кетмен ооз чоң дүрбү. Алтын ооз, бото көз

Айта берсең түгөнбөс.

Асыл таштан орноткон,

Айнеги сынып калат деп, Алтын менен кордоткон.

Бой тумар чалыш кабы бар, Болоттон кылган сабы бар, Болжолу жок чоң дүрбү»[1].

С.Орозбаковдун вариантында Алмамбеттин дүрбүсү:

Сабын көрсө сары алтын,

Сарканасы баары алтын,

Айнекчеси кызарган,

Алтымыш бурап чойгондо, Калыбына койгондо, Төш жарыдай узарган…

…Алты күндүк жол болсо,

Аркан бою келтирген

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 237).

Алмамбеттин дүрбүсү да Манастын дүрбүсү сыяктуу, мында да алты күндүк жолду аркан бою алып келет, алтын менен капталат, буралат, узарат, кыскарат. Баатырлардын дүрбүсү азыркы асман телолорун тиктеген телескоптордой эле күчтүү болгон. Бул дүрбүлөр жомоктук-фантастикалык куралдар эмес, аларда чындыктын үлүшү бардай.

Эмир Темирдин небереси Улукбек (1394-1444) 1428жылы Кази-заде ар-Руми, ал-Каши, ал-Кушчи деген шакирттери менен обсерваторияны ишке берип 1437-жылы асмандагы жылдыздардын каталогун (зиджи) түзүп, 1018 жылдызга мүнөздөмө жазат, жылдыз жылынан узактыгы 365 күн, 6 саат, 10 мүнөт, 8 секунд экендигин далилдейт. Анын «Зиджи джадиди Гурагани» деген эмгеги латынчага которулуп, андагы астрономиялык маалыматтар Европанын ушул багыттагы окуу жайларында окутула баштайт. Эми суроо туулат: мындан 570 жылдай мурда Самаркандда асман телолорун изилдей турган мыкты техника кайдан келе калган? Албетте, ал техникалардын башаты элде, өзгөчө жоокерчилик заманда атактуу хандыктарда, өзгөчө улуу кыргыз дөөлөтүндө болгон деп айтууга эпостун мазмуну негиз берет.

Элдик эпикалык дастандан дүрбүдөн башка дагы толгон-токой техникалык куралдар тууралуу маалыматтарды алабыз.

«Мaнaс энциколопедиясындa» айбалта, ак албарс, ак бараң, ак добул, аккелте, акчыбык, көкчыбык, алеңгир жаа, алты курч (зулпукар, ачболот, кылболот, наркескен, ачалбарс, жойкума), баңдоолу, бараң, барыскан, булдурсун, добул, добулбас, доолбас, доол, дүрбү, турнабай, жаа, жазайыл мылтык, жебе, үркөрбоо, зоолу, замбирек, калкан, камчы, канжар, койчагыр, коросон, кур, керней, кылыч, кисе, күбөк, күлдүр мамай, күрзү, мылтык, найза, ок, саадак, сурнай, зурна, сүңгү, сырнайза, тинте, ак тинте, тор, чогоол мылтык, чотала, чоюн баш, шалдыркан кисе, ак олпок сындуу 50дөн aшуун курал-жарак түрлөрү тууралуу айтылат, алардын көпчүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, түзүлүшү, колдонулушу, жасалышы белгиленет.

«Манас» эпосундагы курал-жарактарды И.Молдобаев бешке бөлүп карайт: жакын аралыктан туруп согушуучу куралдар; алыс аралыктан туруп согушуучу куралдар; ок атуучу куралдар; жазалоочу куралдар; коргонуучу куралдар[2].

Ал эми Мaкелек Өмүрбaй Кaрмыштегин, кыргыз курaл-жaрaктaрынын кaндaй жaсaлып, колдонулуп келгендигинин жaпaдaн жaлгыз булaгы «Мaнaс» эпосу экендигин белгилеп келип, эпостогу жоокердик курал-жарактарды төмөнкүдөй 12 түргө бөлөт (Бул булактан алынат: Кармыштегин Макелек Өмүрбай: «Манастын» акылы (түзөтүлгөн нускасы). – Шинжаң ел басмасы, 2015.):

  1. Оор куралдар: койчагыр, очогор, сандолун, жазайыл мылтык, төө мылтык.
  2. Келтелер: ак келте, таш келте.
  3. Мылтыктар (бараңдар: таш бараң, ак бараң, алма баш.
  4. Кылычтар: ач албарс, селебе, кыңырак, шап бычак.
  5. Найзалар: сыр найза, каскактуу найза, каскаксыз найза, казтаман найза, түпөктүү найза, көк түпөк найза, кызыл түпөк найза, кыйгактуу найза, кыйгаксыз найза, карагай найза, өткүр миз найза, ачакей найза, куу найза, жез найза, кез найза, темгектүү найза, алтымыш кулач найза, мөкүбалдуу найза, кызыл найза, жөө найзa
  6. Чапма куралдар: балта, айбалта, чокмор, чоюн баш, сом темир, күрзү, кетелык, булдурсун, камчы
  7. Жоокердик коргонуу кийимдери: туулга, олпок, соот, бадана, күрөкө, чарайна, кандагай шым, калдыркан, жеңине карыпчын, белине кемер, бото, белбоо.
  8. Курал тетиктери: ок, жебе, колумса, кысеп, машаа, кароол, мылте, күпсөр, окшуур, сүмбө, куу, чакмак, оттук, дүрмөт, саадaк.
  9. Байламта куралдар: тор, чалма, укурук, тузак, басмак ж.б.
  10. Жаалар: алеңгир жаа, омкормо жаа, түпкүчтөй жаа, чоюлма жаа сыяктуу 24 түрү эпосто айтылган деп жазат.
  11. Жебелер: кыркырама жебе, калкыма жебе, ышкырма жебе, каптама жебе, үндүү жебе, томпок жебе, чымырык жебе, жылан тил жебе, ызгыч жебе ж.б.
  12. Чакыруу-кулактандыруу куралдары: доол доолбас, керней-сурнай сыяктуу түрлөрү эпосто айтылган деп белгилейт дa, сыр найза, кыйгактуу найза, түпөктүү найза, каскактуу найза сындуу найзанын түрлөрүнө айрым токтолуп, «Мaнaстын» Жүсүп Мамай aйткaн вариaнтынан мисалдарды келтирет[3].

Куралдардын мынчалык көп түрдүүлүгү кыргыз жоокерлеринин техникалык жактан мыкты камсыз болгондугун тастыктайт.

Эми ок атуучу курал болгон мылтыктарды, алардын түрлөрүн карап көрөлү. Алардын башкы орунда турганы – Манастын аккелтеси:

Алыскы, жуукка айныбас, Ыраакы, жакын ылгабас.

Ортосу – болот, оозу – албарс,

Түтүнү – туман, түбү – Ыспан,

Кароолу – дажаал, огу – ажал          (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 225).

Мындагы Манастын куралын карабайсызбы: эң биринчиси – алыска да, жакынга да бирдей атат; экинчиси – ортосу өтө бышык деп металлдын эң катуусу, бекеми болоттон жасалса, оозу металлдын эң өткүрү албарстан жасалып жатат; үчүнчүсү – анын жасалыш конструкциясыбы, же чыккан өндүрүшүбү, айтор, бул жакын жердиги эмес, Европанын борборунда турган Испанияныкы; төртүнчүсү – ал мелженгенден кийин атылат, анын огу атылгандан кийин сөзсүз душманды өлтүрөт. Андан ары ал:

Ачууланса – койчагыр,

Чындыгында – замбирек, Шай колдонгон – бадирек…

…Алмамбет кебин жат кылды, Алмабаш мылтык атырды

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 127).

Мындагы алмабаштын атылышы азыркы салют берген сыяктуу болгон.

Дагы бир мылтыктын түрү – төө мылтык. Аны төөгө жүктөп жүрүп, керектүү учурда атышкан, бул, азыркы термин менен айтканда, өзүнчө эле замбирек болгон.

Башка дагы курал-жарактар, согуш техникалары мындай мүнөздөлөт:

Мөкүбалдуу чоң найза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 49)

Көк түпөк найза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 50)

Эшик эндүү айбалта (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 51)

Сыр алдырбас Сырнайза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 52)

Сомо темир сом балта (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 52)

Төкөр уста Бөлөкбай, Сомдоп соккон Айбалта.

Эшик эндүү, төш жары,

Как ыргайга саптаган,

Пил терисин каптаган

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 52)

Ок өтпөс аккүбө (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Чок өтпөс кандайгай (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Ийилбес сырнайза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Сом балта (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 68).

Учунун жалын күйгүзгөн акнайза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 75).

Сабына коло орогон, атасы баатыр Алмаңдан, мурас калган Айбалта (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 78).

Кез төш жары найза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 84).

Сокмоктуу найза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 84).

Темири кулач сыр найза (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 341).

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай кыргыз баатырларынын жоо-жарак техникасы илим-билимдин, өндүрүштүн жана эң негизгиси адам акылынын жогорку продуктусу болгон.

Күлчоронун болот жаасы токсон катар кетменди койсо, токтолбостон өтөт. Жоокерлер жааларынын курчтугун, өткүрлүгүн кетмендерди катар коюп, аларды тештирип өткөрүн сынашкан (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 94-б.).

Мына ушул аскер куралдары кыргыз усталары тарабынан жасалган жана аларды жасоодо төмөнкү учурлар эске алынган:

  • куралды пайдаланган адамдын жеке өзгөчөлүгү;
  • куралды жасоо учурундагы татаал технологиялар;
  • аскер куралдарынын атадан балага өтүшү;
  • ошол куралды жасаганы үчүн устанын акысын жо-гору баа менен төлөө;
  • курал жасаган устанын ошол ишке киришер астынан руханий жана дене жактан тазаланышы ж.б.

Ал гана эмес мындай техникалык каражаттарды колдонуучулар да аларга башкача мамиле кылат. Согушка кирерде кыргыз колу «албарстын баарын курсташат», «айбалта ташка кайрашат», «алтындуу калкан тартынат», «жазайыл мылтык октошот».

Ушул куралдарды жасоодо негизинен темирге маани берилген, «темир» деген сөз «теңир» дегенден алынган сыяктанат, «теңирдин тартуусу», «теңирдин шыбагасы» деп асмандан түшкөн метероиттерди иштетип, аскер техникаларын жасашкан.

Мындай техникаларды жасоодо эмпирикалык билимдер (физикалык, химиялык, математикалык) жана тажрыйбалар кеңири колдонулган.

[1]  Сооронов О. Кириш сөз: Тоголок Молдо – жазма манасчы // китепте: Манас: 1-бөлүк. Тоголок Молдо-Байымбет Абдыракман уулунун варианты. Түз.: О.Сооронов. – Б.: Турар, 2013. – 7-б.

[2] Молдобаев И.Б. Эпос «Манас» как источник изучения духовный культуры киргизского народа. – Ф.: Илим, 1989. – С.16

[3] Кудайберген Ж. «Мaнaстын» Жусуп Мaмaй aйткaн вaриaнтындa нaйзaнын көркөм сүрөттөлүшү (Фольклордук-этнологиялык тaлдоо) // “Азаттык”, 2016, 23-май /http://www.azattyk. org/a/manas_jusup-mamay_pike_folklore

 

КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БИЛИМДЕРИ

«Манас» эпосу эбегейсиз чоң аймакта согуш жүргүзгөн, ошол согуштарда жеңип жана жеңилип келген элдин турмушун, баатырдык күрөштөрүн чагылдырат. Ал эми ошол согуштарда жоокерлер үчүн башкы курал жоо-жарактары болгон. Жоо-жарактарын жасоо – илим-билим менен кол өнөрчүлүктүн ашташкан жеринен чыгуучу нерсе. Бул өнөр менен билимдин продукциясына элдик чыгармада өзгөчө орун берилет, бул жагынан «Манас» эпосу дүйнөлүк адабияттын теңдешсиз баалуу мурасы катары каралууга тийиш. «Манас» эпосунда курал-жарак жасоонун классикалык үлгүлөрү көрсөтүлөт. Манасчылар баатырдын курал-жарактарын, алардын жасалышын, колдонулушун абдан кенен-кесири баяндап берет. Өзгөчө мында төкөр уста Бөлөкбайдын адамдан башкача усталыгын, сыйкырдуу өнөр ээси экендигин көрөбүз. Анын курал-жарак чыгара турган «зооту» Самаркандын Жол-Токой деген жерине курулуп, мына ушул жерден уникалдуу куралдар, жарактар, аскер кийимдери жасалат.

Төкөр уста Бөлөкбай өз балдары Түлөөкө, Төлөк менен келе жатып жаш Манасты достору менен биринчи көргөндө эле бул баланын алтымыш уруу алашка баш болорун билип, баатырдын чапкан жарагы кыямат кайым болгончо айтылып каларын аңдап, жанында жүргөн Бакайга мындай сунушун айтат:

Башка кирер туулга,

Торгой көз темир бадана,

Күрмө, соот, күрөөкө,

Чарайна керек жүрөккө, Калдыркан менен кисепче, Өтө керек бул экөө.

Атар мылтык, тартар жаа,

Саяр найза, сом балта,

Кылыч болот кынында

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 435-б.).

Мына ушул жолугушуу, жаш Манас менен уста Бөлөкбайдын көөнө токой Самаркан жолундагы Кырк-Мойнок деген жердеги кездешүүсү, тарыхый жолугушуу болот. Бөлөкбай да усталыгын көрсөтөр, талант-өнөрүн толук иштетер, ичинде бугуп жаткан кол өнөрчүлүгүн сыртка чыгарар күндү күтүп жаткан, аны үчүн ал жасаган курал-жарактарды пайдалана турган, ошолорду баатыр катары колдоно турган адам керек эле. Ошол адам мына азыр жолугуп жатат, демек, Бөлөкбайга өнөрүн чыгарар, өзүн өзү толук реализациялай турган учур келди. Ал эми Манас үчүн, ал кандай гана күчтүн ээси болбосун, кандай гана эр жүрөк, баатыр болбосун, өзүнө татыктуу куралжарактары болбосо жоого каршы бара алмак эмес. Ошол курал-жаракты жасап бере турган киши минтип эки уулу менен өзү алдынан чыгып отурат. Болочок баатыр менен болочок устанын бул кездешүүсү кыргыздардын азаттык үчүн күрөшүнүн эң маанилүү мүнөттөрү болгон.

Мисалы, ал жасаган кылыч ачалбарс деп аталат. «Ач» деген «курсагы ач», «эмне болсо жалмай берет», «тойбогон» деген маанилерде, бир аты – аркескен. Ал кылычтын техникалык мүнөздөмөсү мындай: «түпкүч болуп ийилген», «туурасы сынып кетпеген», «эки миздүү», «испан», «оң-тетири шилтеген», «көөдөнгө урса баш жарган», «жыгачка урса таш жарган», «темирди талдай таарыган», «чапканын кеспей калбаган», «уруштуу күнү узарган», «учу өрттөй кызарган», «калыбына салганда жети карыш кыскарган», «калыбынан тартканда, кырк аршынча узарган», «үнү угулуп шаң эткен», «шилтегенде кылычты жалын чыгып жалт эткен», «сырты калың», «өткүр миз», «учу кайкы», «мойну түз», «ташты кесет боордон тез» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 440-б.) ж.б.

Бөлөкбай ал деңгээлге жеткирүү үчүн дагы бир катар эрежелерди, ишенимдерди, технологияларды аткарат: кылычты оргуштап жаткан булактын жанындагы жерди ойдуруп, ошол жерге таштайт; жөн эле таштабай, жылкынын майы менен чылпылдата майлап туруп таштайт; кылычка сызгырылган балыктын майын жаба төгөт; кылычка жыландардын өтүн жыйдырып келип, ошол май менен майлайт; ыштуу сары курмушу менен оройт; аны күн тийбеген жерге таштайт; ошол көлчүккө бир жумага таштайт; ушулардын баарын устадан башка жан көрбөйт (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 452-453-б.).

Мына ошондон кийин ал ийип көрсө, жаш чырпыктай ийилет, бүктөп көрсө бүктөлөт, коё берсе түз болот.

Манас жана анын урпактары колдонгон мылтыгынын түрү – аккелте. Анын техникалык-эксплатациялык мүнөздөмөсү: «бараңдын көк жал темири», «чала бышкан чоюн», «баары темир жарабайт», «узун эмес, чак келте», «жалтылдаган аккелте», «ортосунан көк жал эгейген», «оозу-түбү теңейген», темирин өзү бышырган, үч темирден кураган.

Аккелте үч түрдүү болот:

  1. Үйгө койсо үркөр боо, үнү ачуу Койчагыр.
  2. Ойноп атса – Очогор,
  3. Чындап атса – Замбирек.Жасалыш технологиясы:

Коло, чоюн, коргошун, Кошмосунан бириккен.

Тышына темир каптаган,

Түтүн чыгып кетпеске,

Жигине мистен чаптаган,

Кунан уйдай ок салса, Нуршабдар менен от берсең, Атканда дүйнө солк этет…

…Кароолу дажал, огу ажал,

Түтүнү туман, түбү испан,

Бургулап ичин түзөтөм,

Аткан огу жөн учпай,

Ажалдуу жанды издедем

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 441-б.).

«Манас» эпосундагы Бөлөкбай уста жасаган Манастын аккелте мылтыгы бир убакта үч функция аткарат (три в одном): Койчагыр, Очогор, Замбирек. Ошол эле кезде азамзат XX кылымда гана жетишкен өзгөчөлүккө – аткан огу издеп таап, адамды өлтүрүүгө негизделген.

Ал эми айбалта: сомо темир, сомдоп согулган, коло менен чырмалган, мизи ууга сугарылган, анын көөрүгүнө чыдабай көп букалар союлат, чапканына чыдабай чаңдан уста кырылат, көмүрүнө чыдабай көөнө токой жоюлат, сугатына чыдабай көлдүн суусу соолуйт, как ыргай сапталат, пил териси капталат, бети асмандай көгөрөт. Мунун дагы эки функциясы бар (два в одном) «мизин чапсаң – айбалта, сырты калың – чокморчо».

Манастын колунун түшпөгөн дагы бир куралы – сырнайзасы.

Найзаны жасоо технологиялары эпосто мындай айтылат:

Сая турган найзасын,

Өзүм иштеп чыгарган,

Ак болоттун кыймасын, Аралап табам токойдон,

Ак жыгачтын сыйдасын,

Көк болоттун кыймасын, Көп жыгачтын ичинен, Таап чыгам сыйдасын.

Уңгусу болот, учу курч,

Учуна салам кара курч,

Чиркейдин тумшугунан курасам,

Чочконун сийдигине сугарам,

Сабындагы жыгачын,

Он эки түрдүү кырдыртам,

Үн чыгарып ырдатам,

Отуз эки түр менен, Оюу-чийүү сырдатам…

…Жайдын күн болгондо, Колу тердеп кетпеске, Коло менен чырматам.

Кыштын күнү болгондо,

Колу үшүп кетпеске,

Кой макмал менен кыптатам.

Сайган тешпей калбаган,

Кара таштан жанбаган,

Суу чыбыктай бүгүлгөн,

Туура сынып кетпеген

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 442-б.).

Бөлөкбайдын бул найзасы дээрлик баары жергиликтүү материалдардан (жыгач, чиркей, чочко, коло, кой макмал) жасалгандыгы менен да баалуу жана пайдалуу.

Шинжaң педaгогикaлык университетинин Шинжaң «Мaнaс» изилдөө борборунун aспирaнты Жaннaтгүл Kудaйберген манасчы Жүсүп Мaмaйдын вaриaнтынын aлгaчкы «Мaнaс» бөлүгүнөн гaнa учурaгaн нaйзa жaнa aнын түрлөрүнүн көркөм сүрөттөлүшүн изилдеп чыккан[1]. Анын эсеп-чоту боюнча эпостун 52588 ыр сaбынaн тургaн «Мaнaс» бөлүгүндө нaйзaнын 31 түрү туурaлуу көркөм мaaлымaт бaр. Aлaр төмөнкүлөр: алтымыш кулач найза; алып найза; бир жүз элүү кулач найза; болот найза; бөрү тилдүү найза; жыгач найза; кандуу найза; кара тил найза; карагай найза; каскаксыз найза; көк найза; көк түпөк бөрү тил найза; көк түпөк кызыл найза; көк түпөк найза; көмөкөйлүү найза; кызыл түпөк найза; кыяктуу найза; кылкандай найза; кырк кулач найза; мөкүбалдуу найза; он кулач найза; отуз кулач чоң найза; сыр найза; тээктүү найза; темир найза; түпөктүү найза; укурук бою найза; устундай найза; шыргыйдай найза.

Эпосто учураган бул 31 түрлүү найзадан: сыр найза, жыгач найза, карагай найза, темир найза, көк найза, каскаксыз найза, кыяктуу найза, көк түпөк найза, кызыл түпөк найза, көк түпөк кызыл найза, көк түпөк бөрүү тил найза, мөкүбалдуу найза, болот найза, кылкандай найза сыяктуу 14 түрүн, негизинен, Манас жана анын баатырлары, чоролору колдонсо, кара тил найза, бөрү тилдүү найза, он кулач найза, бир жүз элүү кулач найза, кырк кулач найза, шыргыйдай найза, устундай найза, алып найза, тээктүү найза, укурук бою найза, көмөкөйлүү найза, түпөктүү найза, жыгач найза, көк түпөк бөрү тил найза, кандуу найза, алтымыш кулач найза, отуз кулач чоң найза сындуу 17 түрүн, негизинен, Коңурбай баштаган жоо кейипкерлер колдонот.

Семетейдин курал-жарактары сырназайсы, зулпукору:

Муштаганда таш тешкен,

Белинен сынып кетпеген,

Ак болоттун куймасын,

Төкөр уста эптеген,

Атадан калган Сырнайза

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 121).

Мизи, сырты балтанын,

Уюткан болот курч эле

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 123). Кара болот зулпукор

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 130).

Мына ушуларды жасаган төкөр уста Бөлөкбай эпостун «Сейтек» бөлүмүндө Дөөтү менен сүйлөшкөндүгү, аны менен дос болгондугу атайын белгиленет (Сейтек. 4-китеп. БКВ., Ф, 1960, 4-б.). Дөөтү – бир жагы кыргыздар үчүн устачылыктын пири. Азырга чейин үй салганда, темир-тезек менен иш баштаганда, машина менен жолго чыкканда кыргыздар Дөөтү пирин колдоого чакырат. Дөөтүнү ислам адабияттарында пайгамбарлардын бири катары карашат. Ал гана эмес «Библияда» да Давид деген уста болгондугу тууралуу баяндар бар.

Бөлөкбай уста курал-жарактарды жасоо үчүн мындай технологияларды колдонот: кенди чалгындайт; кенди табат; кенди казат; чийки затты эритет, анын эрүү абалын так билет; эритүү үчүн отундун түрүн тандайт; эриген суюктукту куюу үчүн куралдын кебин жасайт; кооздойт; көзөйт; курчутат; сап жасайт ж.б.

Курал-жарак жасоодо кыргыз усталары темирди, жыгачты кеңири пайдаланып, алтын, күмүш, зумурут, көөхар, жубар бермет, забар, зер, инжи ж.б. баалуу металлдар менен кооздошкон. Булардын ар биринин химиялык белгилерин так ажырата билген. Бир жолу Коңурбай кыргыздарды алдап:

Жыйырма чейрек алтынды, Бир жыл жүктөп мол бердим. Нак алтын бербей ошого,

Сары жез менен калайдан,

«Сап алтын» кылып мен бердим

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 135), – деп айтып, ушундай кылып нак алтын ордуна жыйырма чейрек сары жез менен калай кошулган «сап алтын» бергенде аны билип калышып, чоң чыр чыгат. Эгер мындай баалуу металлдарды көп колдонбогондо анын нак эместигин билишпейт эле да.

Куймалуу алтын үзөңгү,

Нардай болгон Сур найза (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 84), – деген саптардан аттарынын үзөңгүсү да алтын болгонун билебиз.

«Алмамбеттин бадана, сары алтындан көздөгөн» (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 84), «көк темирден тон кийген», «зерлүү жака, алтын тон» Гүлчоро (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 95), «зерлүү таажы кийинген» Сыргак (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 93), – деген саптардан алтын-зерди кыргыз жоокерлери кеңири колдонгонун көрөбүз.

«Манас» эпосунда баатырлардын курал-жарактарын жасоодогу элдик билимдер, кол өнөрчүлүк менен бирге эле ошол баатырлар үчүн тигилген кийим-кечектерден да кол өнөрчүлүк менен элдик билимдердин айкалышын даана түшүнөбүз.

Бээжинге согушка жиберерде кырк жигитке Каныкей баштаган канизектер бүт керектүү кийимдерин даярдап берет. Эпосто алардын ар биринин даярдоо технологиялары, курамы, кийүү мезгили так көрсөтүлөт. Мисалы, ак калпак мындай жасалат:

  • кедик койдун (уяң жүндүү кичине кой) жүнүн пай-даланат;
  • кедик койдун тармал жүнүн колдонот;
  • жүндү алуу үчүн койду таза жерге жыктырат;
  • койдун жүнүн тасмалдатып кырктырат;
  • тогуз жүз кемпирге тыттырат;
  • кемпирлер жүндү тырмакка салып тытышат;
  • келиндерге кесе бастырат;
  • кыздарга кыя тиктирет;
  • тогуз ай башта кылдатат (сорттойт, иргейт);
  • уздан узга сындатат;
  • сайса найза тешкис болот;
  • чапса кылыч кескич болот;
  • баары алтындан чоктолот (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 90).

Ушундай технологиялардан өткөндөн кийин гана кедик койдун тармал жүнү ысыктуу күндө ышынбай жоого кийүүчү жай калпак жасалат.

Эгерде калпак Каныкейдин билимине өнөрчүлүгүнө чейин териден эле жасалып кийилген болсо, Каныкей кырк бийкеч менен кырк күн узанып отуруп, кийиз калпакты ойлоп тапкан, анын аппак тоо сыяктуу башка кийгизилген жагынын чокусуна кыпкызыл чок тагылган, астына капкара кең кыр салынган. Жусуп Мамайдын варианты боюнча бул калпакты кырк күн кийип жатсаң кыргагына кыр жукпайт, тигишине бит турбайт, Анжиандын ак шайысын, Наменгендин сурпун пайдаланат, кандагай менен каптатат, тармал ириктин жүнүн төрт талаа кылып кийизин жасатат, тигишине милте чаптырат, тышынан чыраш тарттырат, ичинен шайы ичтетет, жээгине кара карматат, борго кошуп болоттон, арасына ширетет, «бүйүрмөлүү оозу бар, бапык таккан боосу бар», «мылтык атса ок өтпөс, милте жанса чок өтпөс, чапса кылыч кесе алгыс, сайса найза теше алгыс» баш кийим болот. Каныкей мына ушул баш кийимди ойлоп таап, аны согуштук-аскердик максатта пайдаланууга ылайыктайт да, ак калпак деп ат коёт. Аскерлердин жоого ак калпак кийип кирген учурлары болгон, ак калпакчандар душманын сүрүп, алыстан эле аппак болуп калпактары көрүнгөн, дал ошол калпак алардын маанайын көтөрүп, кубат берген. Ак калпактарды көргөндө душман апкаарып турган. «Ак калпак» кыргыз аталган. Бата бергенде «башыңдан ак калпагың түшпөсүн» деп бата берген, жигиттерди намыстантуу үчун «ак калпагыңды алып, жоолук салынып ал» дешкен.

Эпосто калпактын бир топ түрү менен кездешебиз: 1. Манас калпак. 2. Бакай калпак. 3. Чоролордун калпагы. 4. Семетей калпак. 5. Аксакалдардын, байлардын калпагы. Демек, Каныкей ак калпакты ойлоп тапканда ар бир адамдын мансап даражасын, зоболосун эске алып, баш кийимдин бычымын ошого ылайыкташкан. Мына ошол Каныкейден башталган ак калпактын түрлөрү кийинки замандарда аябай өркүндөдү: туюк калпак, тилик калпак, талаалуу калпак, талаасыз калпак, айры калпак, оймолуу калпак, оймосуз калпак, жазуулуу калпак, шырыма калпак, хан калпак, карыя калпак, жигит калпак, чоро калпак, бала калпак, өспүрүм калпак ж.б. толгон түрлөрү чыкты.

Калпак – кышка кийүүгө болбойт. Андыктан Каныкей кышка кийүүгө деп жигиттерге тумак тигет. Ал тумактын ичи суусар, тышына буулум (сооттой калың кездеме) менен тышталат, үч талаа кылып бычтырат, алкым бүчүсүн айкаштыра түйүүгө ылайыктайт, баргек чоктолот.

Ак кийими кирдесе жигиттердин көңүлү чөгөт деп Каныкей ар бирине «Он эки көйнөк, он дамбалдан, ак чүчтө көйнөк, суп дамбалдан» камдап берет, а түгүл чоң куржундун түбүнө кокус кез келсе өлүм башына деп кепин тонун кошо салат. Узун сүлгү, кыска сүлгү, чопкут берет.

Андан кийин тондору тууралуу айтылат. Аны үчүн малга алмаштырып, соодагерлерди Анжы, Манжы, Кара-Шаар, Камбыл, Чын-Мачын, Кумул деген жерлерге жиберип, бир мыскалы миң дилдеге кырмызы[2] алдырат. Ошол кырмызыны жыйнап болгон соң кыргыздан миңинен, ногойдон миңинен, ойроттон миңинен тандап-тандап, алтымыш келин, кырк кыз иргелет. Ошолор алты кабат курдатат, кырк бир күн шырдатат, жакпаганын сөктүрөт, «табак-табак болотко албарс эгеп аралаш, арасына төктүрөт». Муну шырып тигүүдө болот шибегеден он-он беши сынган. Ал тон:

Ичти-тышты сегиз тон, Жака, жеңи тегиз тон. Ичи кадек, тышы бөз

Тышы торгун, атилес,

Жакасы алтын, жеңи жез, Калыңдыгы жарым кез

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 93).

Мына ошол тондун жакасына кат жабыштырган, аны кокус мерт болуп кетсе окуп туруп ким экендигин билишкен. Бул да өзүнчө илим, өзүнчө маданият.

Кырк жигит кийген шым – чалбар болсо Даңдуң-Баш деген жердин текесинин терисинен тигилген, анын териси бир элидей калың, ошол терисин буздурбай Абыке баш болгон алтымыш мерген аткан, терисин күндүн жүзүн чалдырбай, ак сандыкка каттырат, ашаткысын алты ай жез челекке жаткырат, алма кабык алдырат, алты ай малма салдырат, Анжиандан боёк алдырган, токсон кыз тогуз ай тиккен, буулум менен ичтеген, каттоо менен бүктөгөн, жамырата тиктирип, жылан боор бүктүрүп, болот эгеп ширеткен, ийи чала калат деп алтымыш беш балбанды алым салып ийлеткен. Анан аны сыр бараң атып сынашса, ок өтпөгөн, табылгы жакса, чок өтпөгөн.

Ушундай эле технологиялар менен кырк жигиттин кош жылаажын салдырган өтүгү, кемер куру, оттугу, бычагы, белбоосу, милтеси, тинтеси ж.б. даярдалган. Аттарына жолборс үртүк жаптырган, дилде жүгөн каттырган, куранды ээр токутуп, кундуз көрпө тарттырган, мамык жастык арттырган ж.б.

Мына ушулардын баары кыргыз кол өнөрчүлөрү жогорку технологияларды колдонуп, жоо кийимдерин сапаттуу жана ыңгайлуу даярдагандыгын көрсөтөт. Аларды даярдоо үчүн, биринчиден, тери, металл, жыгач, жүн, кездеме ж.б. чийки заттарды иштетүү боюнча билимге ээ болушу керек; экинчиден, жогорудагыдай иштерди аткаруу үчүн адистер болушу керек; үчүнчүдөн, керектүү буюмдардын бир тобун чет жактардын алыш керек, демек, алар менен соода-экономикалык байланыш орнотуу зарыл; төртүнчүдөн, кийим тигүүдө ар бир жигиттин өлчөмүн билип, алардын дене-боюн көз өлчөм менен эсептеп чыгыш керек.

Кырк жигитке согушка баратканда Каныкейдин тартуулары жана алардын манасчылардын абдан кылдат жана жайма-жай баяндап бериши – кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн, билимдүүлүгүн бүткүл дүйнөгө мактаныч менен көрсөтө турган уникалдуу көрүнүштөрдөн.

Кыргыздар Манаска чейинки мезгилде ар кыл күндөрү баштан өткөрөт. Орозду хан болгон учурда эл бейпилдикте жашап, оюн-күлкү менен күн өткөрүп: карылары кашкулак, жолборс, бөрү ичик жамынып, жамбашына жумшактап аюу талпак салышат, кыздары үкү сайышат, катыны сөйкө салынат, боз уландар кемер тагынат, көчкөндө жүк үстүнө асемге кырмызы килем жабышат, алтын, күмүш, жез менен ээр-токумун каптатат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 300-б.)

Жакып бай малы көбөйүп «Жакуттан кемер байланды» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 308-б.). Мындагы «жакут» деген эмне? «Кызыл түстөгү асыл таштын бир түрү» деп айтылат[3]. Ошол эле кезде Якутия аймагында алмаз көп болгон, ошондуктан ал жердеги сахаларды орустар «якут» деп атап коюшкан деген да версия бар. Негизи якуттар (сахалар) түпкү тегин курыкан деген урууданбыз дешет. Алар болсо Бай-Көлдөн жана Эне-Сайдан сүрүлүп барышкан экен, демек, булар Эне-Сай кыргыздары менен карым-катынашта болгон.

Кыргыздар кыздарды жашынан эле кол өнөрчүлүккө үйрөтүшкөн, мисалы, Накылай тууралуу мындай айтылат:

Накылай көркөм кыз экен, Жез оймоктун узу экен.

Сураштырса Накылды,

Он төрткө чыккан кези экен

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 557-б.).

Мына ушул саптарга караганда кыздар он үч-он төрт жашында эле жалпы элге таанымал уз болуп калган.

Айчүрөк уулу Сейтектин эр жетишин күтүп жүрүү менен ага кийим-кечек даярдай жүргөн. Анын уулуна деген булуму – ок өтпөс чепкени: жакасы алтын, ок жаңылбас үчүн болоттон өгөп шырыткан, адамга жакшы көрүнсүн үчүн каймак май иштетет, аркагы болот, жеңи алтын, бүчүлүгү бир тогуз. Кандагай сары шымы: зоо текенин төрт эли калың териси, алма кабык салдырган, токсон балбанга тогуз ай сабаткан, келин бычып, кыз тиккен, кемпир сынап, уз тиккен, жылан боор буктурган, бүтүн кундуз терисин багалекке тиктирген, багелегин бүктүргөн.

Кол өнөрчүлөр көн буюмдарын иштетүү жана колдонуу жагынан биз билген улуттардын ичинен алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тарыхчы-этнограф Октябрь Капалбаев: «Дүйнө элдерин таң калтырып келген «аттын кашкасындай» бир ууч элдин жасаган көн буюмдары (териден жасалган буюмдар) айтканга оңой, көрүнүшү өтө жөнөкөй болгону менен көптөгөн тажрыйбаны талап кылган өнөрлөрдүн катарына кирет. «Манас» эпосунда тери кийсе – кийими, ичсе – идиши, коргонсо – калканычы, чапса – куралы, көтөрсө – урааны, жазса – каты, мактанса – сыймыгы болуп, андан түрдүү буюмдар жасалгандыгы белгилүү»[4], – деп, андан ары кандагай шым, күрөөкө тон, ичик, сүлөөсүн тебетей, сүлөсүн бөрк, коок, күлө, кемер, кур, бел курчоо, келгир кепич, накер өтүк, мөкү өтүк сыяктуу кийимдердин, меш чанач, архыт, саба, чанач, көнөк, көнөчөк сыяктуу идиш-аяктардын, чарайна соот, кыяк калканч, саадак, коломсок сыяктуу аскер куралдарынын териден жасалган түрлөрү тууралуу кеңири сөз кылат. Буларды жасоо үчүн кол өнөрчүлөр, анын ичинде көңчүлөр, эчкинин, койдун, уйдун, тоо текенин, серкенин, төөнүн, багыштын, карышкырдын, илбирстин, сүлөөсүндүн, суусардын, түлкүнүн, аюунун, кашкулактын, козунун, киштин (былгундун), карсактын, кериктин терилерин кандай сыйрып, кандай туздап, кандай кургатып, кандай ашатып, кандай ийлеп, кандай өңдөп жасоо технологиялары эпостун текстинен алынган мисалдар менен тастыктайт.

Кол өнөрчүлүк билимдеринде ат жабдыктарын жасоонун өзүнчө сырлары айтылат. Кыргыз элинин салттуу билимдеринде ат жабдыктарынын өзүнчө орду бар. Кыргыздар атка адамдай мамиле кылган, ат алардын канаты гана эмес, каны да, жаны да болуп калган учурлар кездешет. Андыктан ат жабдыктарын жасоонун эң мыкты технологиялары иштелип чыккан.

Мингич аттардын негизги жабдыктары: ээр, жаш балдар үчүн ээр түрү айырмач, үзөңгү, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, жааз, чылбыр, тогоо, тизгин, тээрдик, булдурсун, басмайыл, нокто, тердик, желдик, жабуу, шалча, торбо, укурук, камчы, үртүк, канжыга, көрпөчө ж.б. Бир аттын гана ушундай жабдыктарынын болушу ага адамдын камкор мамилесин көрсөтөт, баланын кийимин алмаштыргандай эле аттын да жабдыктарын алмаштырып турат. Буларды жасаган кол өнөрчүлөр да ээрчилер, кайышчылар, өрмөчүлөр, зергерлер деп аталып, ошол өнөр адамдардын билиминин натыйжасынан аттын кооз жана колдонууга ылайыктуу жабдыктары жасалган.

«Манас» эпосунда Манастын ээр-токумун даярдоо ишеними бир гана адамга жүктөлгөн, ал – Бакай (Жусуп Мамайдын варианты), Алмамбет (С.Каралаевдин варианты).

Көптөгөн варианттардагы Манастын ээринин жасалышында окшоштук кездешет: «алдыңкы кашы карк алтын, кийинки кашы чылк күмүш», «эки капталы эн темир, таманы темир куйма алтын» (Ж.Мамай), «алдыңкы кашы ак алтын, арткы кашы чылк күмүш», «эки капталы эн темир, курч уютуп матаган» (С.Орозбеков). Мына ушул ээр атка жеңил жана бышык болушу керек, себеби найза сайышта, чокмор чабышта, кылычташууда көп сокку ушул ээрдин алдыңкы жана арткы кашына тийет, андыктан ал жерин алтын, күмүш кылып жатышат. Ошол эле кезде ал түстүү металлдар ээрдин кооздугу үчүн да кызмат кылат. Эн темир жана курч уютуп матаганы да ээрдин ашкере бышыктыгын көрсөтөт. Темирди жана курчту Эне-Сай кыргыздары асмандан түшкөн метероидден жасагандыгы тууралуу божомолдор бар, андай болсо ал өтө эле бышык болгон.

Ат минүү жана атта жүрүү маданиятында адам аны мал издегенде, мейманга барганда, улак тартканда, эр эңишке түшкөндө, ат чабышта, жорго салышта, сапарга чыкканда, согушта ж.б. учурларда минген жана ошол максатына карата ээрдин түрлөрү болгон, мисалы, эр эңиште, оодарышта күч ээрдин кашына келет, себеби каршы кишисин ээрдин кашына басып алууга аракет кылат, мындайда ээрдин кашы ашкере бышык болушу керек, ал эми аш-тойго баргандагы ээр бышык болбосо да элге көрүмдүү, көркөм болмогу ийги. Аттын ээрлеринин мындай түрлөрү белгилүү: Анжиан ээр, аштама ээр, ак каңкы ээр, туюк ээр, оймо ээр, курама ээр, кошбаш ээр, кудаяр ээр, көк кашка ээр ж.б.

Ээр жасоо маданияты жана технологиялары кыргыз усталары тарабынан өзгөчө билим жана өнөр катары өнүктүрүлгөн. 1975-жылы болсо керек эле, биз студент кезде, жазуучу Чыңгыз Айтматовду Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна жолугушууга чакырышкан. Ошондо ректор Сулайман Жумагулов жазуучуга ээр тартуулаган, бул белекти далай сыйларды көргөн сөз устасы күтпөгөн белем, аябай ыраазы болгону эсимде. Көрсө, кыргыз баласынын канында атка гана эмес, ат жабдыктарына, анын ичине ээрге да бөтөнчө сый мамиле болот экен.

Манас, али Манас боло электе, Чоң жинди болуп жүргөндө, Акбалта болочоктогу баатырга арнап жасаган ат жабдыктарын көрсөтөт, анын «ээр-токумун сап алтынга көмдүргөн», «жүгөнү бугу кайыштан, өрмө көгү жүз бештен, көкүлүн көзгө керттирген», «учуна тогоо тактырган, ичине темир кошпогон, уюткан сары алтындан, жагоолору сап алтын, жалтылдаган сары алтын, ооздугунан башкасы, көмкөрмөсү баары алтын». Андан ары:

Алдыңкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылк күмүш.

Эки каптал эн темир,

Эптеп кылган аккаңкы ээр,

Таманы темир куйма алтын,

Үзөңгүнүн баары алтын,

Көмөлдүрүк шалдыркан,

Тумарчасы алтындан,

Кара темир кошпостон,

Күмүшкө алтын жаптырган,

Куюшканы куйма алтын,

Жетимиш көктөн тарттырган,

Олоңдору ой алтын,

Оюштуруп токуган,

Көрпөчөсү баяндоз,

Көргөндүн көөнү болор кош

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 379-б.).

Буга караганда ээр-токум, ат жабдыктары өтө зергерлик менен, кымбат асыл таштар, бышык кайыштар, булгаарылар менен жасалган. Ошол эле кезде ар бир баатырдын, ар бир аттын өз-өзүнчө жабдыктары болгон. Мисалы, Кыяздын Тоотору атынын жабдыктары: кара болот ооздук; окоро түйгөн ак тизгин; аккаңкы ээр; булгаары тердик; көк токум.

Эпосто асый өгүз терисинен, жыйырма серке терисинен жасалган булдурсун камчы, жолборстун терисинен жасалган үртүк, алтын үпчүн, төөнүн кому, уйдун ыңырчагы тууралуу маалыматтар айтылат. Кол өнөрчүлөр булардын кооздугуна, баатырларга ылайыктуулугуна, жасалыш материалдарына өзгөчө басым жасайт.

Айчүрөк күйөөсү Семетей кайып болгон соң аргасыздан Кыязга башы байланып жүргөндө аны куткаруу үчүн Күлчоро келет, ошондо ал Күлчорого «келтенин огу кеспеген», «бараңдын огу батпаган», «ар курч менен кайыган», «кармашканда карандан адамдын колу тайыган» кандагай менен ок өтпөс кийгизет, анын кылайган жерде тешиги жок, топчулугу бир тогуз (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 116-б.) болгон.

Терини башка максатта иштеткен учурлар да кездешет. Мисалы, жазалоо үчүн:

Азыр сени коёлук,

Башыңа тери кийгизип (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 228), – деген саптар бар.

Башка тери кийгизүүнү кийин Ч.Айтматов маңкурт кылуунун технологиясы экендигин «Кылым карытар бир күн» романында чагылдырып, бүткүл дүйнөгө айтып берди.

Эпосто музыкалык аспаптарды жасоо технологиялары да көрсөтүлгөн учурлар кездешет. «Манаста» 20га жакын музыкалык аспаптар тууралуу маалыматтар берилет[5].

Добулбасты тегерек ийилген жыгачтын эки бетине төөнүн же пилдин терисин каптап жасашкан, ал ным болбой кургак жерде турган да жоого келгенде же жеңиш болгондо, аскерлерди тизилүүгө чакырганда атайын жасалган тоголок баш катуу таяк менен ургулашкан. Бул аттын ээринин кашына илип коюуга да ыңгайлуу болгон.

Сурнай – байыркы үйлөмө аспап. Аны бугунун, уйдун, топоздун мүйүзүнөн жасашкан, кийин атайын дарактардын шактары да пайдаланылган, муну мүйүздүү керней деп да айтышат. «Сурнай түрдүү жыгачтардан жасалган. Анын кичүү учунда камыштан жасалган доош чыгаруу бөлүгү болуп, аны кандайча алмаштырып иштетсе боло берет. Сурнайдын чоң учу кеңейип керней формасында келет. Анын көптөгөн тешиктери болуп, үстү жагынын 7ге жакын көзөнөгү бар болуп, астыңкы жагында бирөө болуп, жалпы 8 көзөнөгү бар» (Акбар Айса)[6].

Жогоруда кыргыз кол өнөрчүлүк билиминин «Манас» эпосунда чагылдырылышы боюнча учкай гана сөз кылдык, бул маселе, ар кыл тармактын адистери тарабынан бир топ изилденген, ошол эле кезде дагы да терең изилдөөнү талап кылып турат.

[1] Кудайберген Ж. «Мaнaстын» Жусуп Мaмaй aйткaн вaриaнтындa нaйзaнын көркөм сүрөттөлүшү (Фольклордук-этнологиялык тaлдоо) // «Азаттык», 2016, 23-май /http://www.azattyk. org/a/manas_jusup-mamay_pike_folklore

[2] Кызыл жибек кездеме.

[3] «Манас» сөздүгү: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Бийиктик Плюс. – 2015. – 282-б.

[4] Капалбаев О. «Манас» эпопеясы жана көнчүлүк өнөрү // «Манас» Ааламы: манастаануу-фольклортаануу илимий журналы. – 2016. – №1. – 174-б.

[5] Молдобаев И.Б. «Эпос «Манас» и его значение в мировой культуре / Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 5 с.

[6] Айса А. Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосундагы музыкалык үйлөмө аспап  – сурнай жөнүндө // «Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимийтажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 41-б.

ФИЗИКАЛЫК ЖАНА ХИМИЯЛЫК ЭЛДИК БИЛИМДЕР

Жазуучу Аман Саспай «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген кытай тилинде 1985-жылы жарык көргөн китепте байыркы кытай булактарына кайрылып уйгур авторлору (Тургун Алмас, Шерпидин Өмер) «Түндүк Чжоу хандыгынын (557–581) жылнаамасынын» «Туралар (Түрктөр) жөнүндө баян» деген бөлүгүнөн тикелей которгон текстинде төмөндөгү сөздөр жазылган (үзүп-үзүп бердик – М.А.): «Түрктөрдүн ата-бабалары Су (?) деп аталган элден келип чыккан. Булар гунндардын түндүгүндө жашаган. Түрк урууларынын беги (аксакалы) Апанбо деп аталган. Булар 17 бир тууган болушкан. Бир туугандардын биринин аты Илкништу (Ичженту) деп аталып, карышкырдан төрөлгөн. Илкништу өтө сергек, курч болгон экен, шамал менен жаанды чакырып келтире алган. Ал эки аял алыптыр. Аялдарынын бири – жаз Теңиринин, дагы бири кыш Теңиринин кыздары экен. Алардын бойлоруна бүтүп, төрт эркек бала төрөлөт. Аларынын бири ак аңырга айланып кетиптир. Бир баласынын эли Абакан дарыясы менен Кама дарыясынын ортолугунда жашаган экен. Буларды кыргыздар деп атаган. Дагы бир уулунун эли Шен чу цзи тоосунда (Шерипидин Өмер – Зиагил дарыясынын боюнда деп которот. – А.С.) жашайт экен. Бул төрт уулдун туну экен. Бул жерде Апанбонун урпактары да жашайт экен. Алар ачык жерде үшүп, кыйналышканда тун уулу от чыгарып, жылытып, асырап калыптыр. Бардыгы тун уулду урматтап, башчы кылып, ага моюн сунушуптур. Өзүлөрүн «түрк» деп аташыптыр»[1].

Бул жерде көңүл буруучу нерсе – уламышта айтылган боюнча кытай авторлору тарабынан мындан бир жарым миң жыл мурда кагазга түшүрүлгөн баяндагы Абакан жана Кама дарыясынын боюнда кыргыздардын шамал менен жаанды чакырып келтире алгандыгы, отту ойлоп тапкандыгы.

Кыргыздар Эне-Сай доорунда эле асмандан түшкөн Ок жылдызды (метеорит) таап, аны темир катары ийге келтирип, анын абдан курч жана бышык болорун изилдеп көрүп, кылыч, найза, канжар, жебе, зулпукар, наркескен, ак келте, айбалта, ак тинте сыяктуу согуш куралдарын иштеп чыккандыгы алардын химиялык, физикалык кубулуштарды өздөштүргөндүгүн белгилейт. Кадимки сөөктөрдөн ар түрдүү буюмдарды жасашкан. Калай, жез, мис, алтын, күмүш иштеткен.

Ата-бабаларыбыз байыртадан эле терини ар кандай жолдор менен ийлеп, бышырып, кийим жана башка буюмдарды жасаган, алардын дүйнөлүк рынокко алып чыгышкан. Химиялык илимий ыкмаларды жөнөкөй түрдө болсо да, колдоно билбесе, бул иштерди ишке ашыруу мүмкүн эмес эле. Аң терилерин же колдогу мал терилерин кийим кылганга чейинки процесс – татаал процесс, технологиялык көп иштерди талап кылат.

«Манас» эпосунда тери кийимдери баатырларды көп жолу өлүмдөн сактайт, ургаачылардын узчулугун сындан өткөрөт, согушта жеңүүдө дал ушул кийимдер себепчи болуп берет. Алсак, кандагай шым чоюлса айрылбайт, бош турганда жайылбайт, «тартып көрсө чоюлат, коё берсе жыйылат». Ошол кандагайды даярдоо үчүн Даңдун-Баш деген жердин текесин алтымыш мерген барып, териге залал келтирбей, көзгө атып келип, кургатканда күнгө чалдырбай, кундуйтуп, ак сандыкка каттырат:

Ашаткысын эринбей,

Аярлык менен Каныкей,

Жер челекке жаткырып,

Алма кабык алдырып, Алты ай малма салдырып[2], –деп өтө кылдат иштейт, андан соң терине алтымыш беш балбанга ийлетет.

Эпосто ургаачы аюунун терисинен күрөөкө тон тигилгени, суусар, кундуз, илбирс, карышкыр, козу, кашкулак, түлкү терисинен тигилген жакалуу ичиктер, эчкинин, текенин терисинен тигилген шалбар шым, көк сүлөөсүн бөрк, суусар, булгун, көрпө, түлкү тебетей, киш, карсак терисинен тигилген жака телпек, думаналардын күлө баш кийими, белге тагынган: бото кур, кисе кур, кыйыш кур, жекене кур, бутка кийишкен: келгир кепич, накер өтүк, өкчөлүү өтүк, туюк өтүк, кончу кең өтүк, чобдор өтүк, мөкү өтүк ж.б. кийим-кечектер тууралуу сөз болот. Мына ушулардын баарын кыргыздар биринчи кезекте табигый материалдардан жасашкан, экинчи учурда алар салтанат-тойго, согушка, күнүмдүк орозгерге ж.б. учурларга карата ылайыкталып тигилген, үчүнчүдөн, алар атайын мыкты усталар, уздар тарабынан иштелип чыккан, демек, аларга кандайдыр бир деңгээлде салттык билимдер пайдаланылган.

Тери – бул кийим-кечек гана эмес саба, супура, көөкөр, меш чанач, чанач, көнөчөк, көнөк ж.б. идиш-аяктар, алар көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу, урунууга ылайыктуу жана эң негизгиси азык заттарын бир топ убакка чейин табигый бойдон сактап тура алат.

Жапайы жана бакма жаныбарлардын сөөктөрүн жана мүйүздөрүн иштетүү да физикалык жана химиялык закондорго баш ийдирилген элдик кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүн көрсөтөт. «Манаста» кылычка пилдин сөөгүн саптайт, жаанын ич жак бетине мүйүздү жука кылып, эки четине жана кармоочуна сөөк каптайт, «ышкырык» жебе жасоодо да сөөктөрдү шакекче кылып кийгизген, камчыга да эликтин, улактын шыйрак сөөгү, мүйүзү сап катары колдонулган. Балдак (аңчылыкта куш конуп туруучу туур), бычак, картык, маки, тушамыш ж.б. буюмдарды жасоодо сөөктү жана мүйүздү пайдаланган. Сөөктү жана мүйүздү ийге келтирүү, аны жылмалоо, өң-түс берүү, башыктыгын, колдонууга ылайыктуулугун аңдоо жана аларды колдонуучуга жеткирүү кол өнөрчүлөрдөн салт билимдерин терең өздөштүрүүнү талап кылган. Сөөк жана мүйүз иштетүүчүлөр эл арасында өзгөчө баркталган.

Кытайлардын Тан доорундагы жылнаамаларына караганда кыргыздар эт жеп, кымыз ичишет, жылкылары эттүү, кубаттуу, төөлөрү, уйлары, койлору, арабалары бар, жери сууга, жайытка бай. 795-жылы уйгур каганы Кутлуг кыргыздарды басып алып, олжолорду алып келгенде уйлар, койлор жер жайнап, эгин жана курал-жарак тоодой үйүлөт.

Эне-Сай кыргыздары ваза, бөтөлкө сыяктуу идиштерди жасашкан, сомдомо керамика болуп, гөзө, чөйчөк, кесе, кумган ж.б. күнүмдүк буюмдарды урунган. Башкаруучулар алтын, күмүш жалатылган кумураларды, чөйчөктөрдү, чөөгүндөрдү ж.б. идиш-аяктарды пайдаланган. Археологиялык казуулар учурунда бир кырынан миз чыгарылган муунактуу шамшарлар, ар кандай формадагы жебенин учтары, кылычтар, найзанын тыктары, айбалталар, чарайна-зооттор табылган, демек, мунун өзү металл иштетүү болгондугун айгинелет, ал эми металл алуу үчүн кен казуу, андан темир, жез, алтын, күмүш ж.б. керектүү нерселерди бөлүп алуу ишке ашырылгандыгын далилдейт.

IX-X кылымдар «улуу кыргыз доору» (В.В.Бартольд) болуу менен кыргыз каганатында «…кыргыз жоокерлери иймек белдүү алеңгир жаа менен куралданган. Жаанын белине капталдата жана тегерете каңылтыр жаткырышкан. Жебенин учуна темирден тык кийгизип, кылоолоп кырын чыгарып, кыйгактуу кылып жасашкан. Алар түркүмү жагынан алганда да көп түрдүү болгон. Мисалы, жөнөкөй саадактарга кирген үч кыйгак жебенин 11, эки кыйгак жебенин 2, төрт кыйгак жебенин 1, жалпак жебенин 7 түрү табылган. Бадана жыртат саадактардын түркүмү үч кыйгактуу жалпак жебелердин 5, төрт кыйгактуу камек жебенин 2, үч кыйгактуу жебенин 2, төрт кыйгактуу чимирик жебенин 6, сүйрү жебенин 1, жалын тил жебенин 1, тегерек жебенин 2 түрүнөн турган. Жаа огунун мынчалык көп түркүм-түрү азырынча орто кылымдардагы көчмөн маданияттардын эч кимисинен жолуга элек. Кыргыздардын зоот тешме жебелери ушул мааниде алганда өзгөчө айырмаланган, алар түр-түспөлү боюнча саадактардын калган башка түркүмүнө караганда алда канча артыкчылык кылган. Өйдөдө аталган башка да саадактардын арасынан үндүү жебе, калак жебе, томпок жебе, чимирик жебе, жылан тил жебе, ызгыч жебе жолугат. Кылоосу өткүр, кыйгагы курч мындай октоо калканды көзөп өткөн, сооттун майда тогоолорун жарып жиберген. Анан калса алардын көп түрү жалаң кыргыздарда гана болгон. Мунун баары кыргыздарда жоо-жарак жасоо өнөрү абдан өнүккөнүн тастыктайт» (Ю.Худяков[3]).

Мындай согуш куралдары «Манас» эпосунун текстинде кеңири учурайт. «Күчөгөн жүндүү сыр жебе» (СО), «учун кайкы чыгарган, учун ууга сугарган» ийри мүйүздүү кылыч (БВ), «түпөктүү найза», «бөрү тил сыр найза», «кыйгактуу найза», «түпөгү жок найза» (БВ), «ала байрак жез найза» (СК), «коргошун, чоюн куйдурган, сабын темир булдурган, башына болот каптаган, сабын темир каптаган», «беш жүз батман салмагы» күрсү (БВ) ж.б. Алардын ичинде зоот, кыяк зоот, күрмө зоот, белдемчи зоот сыяктуу ок өтпөс, кылыч кеспес темир кийимдер, башка кийүүчү туулга, бадана, күрөөкө тон, кыл күбө, олпок, күрмө тон, чопкут, чарайна, чайинги тон сыяктуу жоого каршы барганда кие турган кийимдери тууралуу да кеңири маалыматтар учурайт. Баатырлар күрсү, чоюнбаш, чокмор, шалк этме, канжар, шамшал, албарс кылыч, нар кескен кылыч, зулпукор кылыч, жаа, жебе, саадак, коломсок ж.б. өңдүү атайын адистер тарабынан өндүрүштүк негизде жасалган курал-жарактарды колдонот.

Жыпар, пил тиши иштетилген. «Манас» эпосундагы Манас баатырга Бакай абасы берген ак келте мылтыгы, Айкожо берген ач албас кылычы, Бөлөкбай уста жасап берген найза, айбалта, камчысы – кыргыз элинин алтын, күмүш, темир, жез ж.б. кен байлыктары болгондугун, аларды казып алып иштете билгендигин жана алардан уникалдуу курал-жарактарды жасай билгендигин тастыктайт.

Мындай аскер куралдарын жасоо өнөрү өнүгүш үчүн төмөнкү жагдай-шарттар сөзсүз керек:

  • темир чыга турган кени болушу кажет, б.а., чийки зат керек;
  • темир иштете турган устаканалар өнүгүшү керек;
  • темирди эрите турган энергия булагы зарыл;
  • башка элдердин технологияларын үйрөнүү практи-касы болушу керек;
  • согуш куралдарын сыноочу жигиттер (эксперттер) тарбияланышы зарыл;
  • курал-жарактын улам жаңы түрлөрүн, формаларын таап, өркүндөтө билген, алардын артыкчылыгын түшүнгөн «инженерлер», «дизайнерлер» ж.б. адистер болушу кажет;
  • жогорудагылардын баары чогулуп келип элдик би-лимдерди, тажрыйбаларды жана мыкты адистерди талап кылат.

Археологиялык казуулар учурунда атка тагылган шакек-тогоо, чынжырлуу коңгуроо байлаган ооздуктар, ар түрдүү: тегерек, жалпак, жазуу, чоң, кичине ж.б. үзөңгүлөр, жүгөн, камчы ж.б. буюмдар табылган, аларга кооздуктар түшүрүлгөн. Бул болсо элдин салттуу зергерчилиги өнүккөндүгүн тастыктайт. Ошол эле мезгилде сырга, билерик, шуру, чачпак сыяктуу аялдар жана киселүү кур, жылкынын башы же жалпы сөлөкөтү түшүрүлгөн эркектер тагынган коло тумарлар, дыйканчылык шаймандары: чоюн соколор, сөөк кетмендер, темир күрөктөр, үй тиричилик буюмдары: саптуу темир бычактар, шибеге, жалгылчактын туткасы, кол тегирмендин таштары, шибеге, төөнөгүч ж.б. кол менен жасалган нерселер табылган. Булардын табылышы – кыргыздар азыркыга салыштырмалуу примитивдүү, бирок ошол мезгил үчүн өнүккөн илим менен техниканы колдоно билгендигин көрсөтүүчү фактылардан болуп эсептелет.

Байыркы кыргыздар ойлоп тапкан билимдерге негизделген ачылыштар жана техникалар: жүн токуучу ийик; темир ээритүүчү көөрүк; чакмак таш (оттук); шакар самын ж.б. Оттук таш сүрүлүүдөн от чыгат деген физикалык законго ылайык келсе, суунун ташка тийүүсүнөн анын айлануусуна негизденип, суу тегирменин ойлоп тапкан. Шамалдын багытын туура аңдап эгин сапырган, жол жүргөн ж.б. Алыс жакта каза болгон адамды кандайдыр бир кошулмалар менен катырып жерине алып келүүнү үйрөнгөн, сүт азыктарын ачытып, саамал, кымыз, айран, жуурат, сүзмө, курут, максым, жарма, бозо ж.б. оокаттарды жасоону жана аларды сактоону билген, чучук, гүлазык жасашкан, этти туура сактоо үчүн согум сойгон жана аларды жазгы үзүмчүлүккө чейин таза, табыгый бойдон сактап туруунун технологиялары иштеп чыгышкан ж.б.

Сүт азыктарын иштетүүнү жалпы дүйнөгө байыркы жана орто кылымдагы кыргыздар тараткан.

«Манас» эпосунда жайма көкүл Жаш Айдар деген каарман бар. Кыргыздар шамалдын пирин да Айдар дешет. Эгин сапырууда Айдарга жалынып, акырын жүргөн шамал, же жел сурашат. Мына ошол Жаш Айдар эпосто эл чакырууга жиберилет. Ал физиканын мыйзамын мыкты билген жана ошон үчүн шамалга каршы багыттар менен жүрбөй, шамалга багытташ болуп жол тандайт, анын натыйжасында жетер жерине жетип, чакырар адамдардын баарын чакырып келет.

Чоң казатта Шыпшайдардын огу тийип каза болгон Көкчөнүн сөөгүн алып келиш үчүн анын ичин жарып жинди алат, тазалап канын жууйт, анан катырма дары куюшат (Ж.Мамайдын варианты). Мындагы дал ошол катырма дары химиялык жол менен жасалган, адамдын денесин бальзамдап, катырып койгон, этин сасытпай да, көгөртпөй да турган бир уникалдуу дары болгон сыяктанат. Илимий медицина тапканга чейин эле кыргыздар сөөк катырууну кеңири колдонгон.

Француз окумуштуусу Шавас, даниялык Фелёт, Томсон, кытайлык Вын Шың кыргыздар V кылымдан тартып эле «рун» («роник») жазуусун колдонгонун, алар бул арибдерди биринчи болуп ойлоп тапкандыгын, андан 2-3 кылым өтүп гана бул жазууну түрктөр, карлуктар, уйгурлар пайдалана баштагандыгын айтып чыгат. Ал эми кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур ошол V кылымда эне-сайлык кыргыздар байыркы персиялыктардын 40 тамгадан турган арамай жазуусуна негизделген бир түрдүү жазуу колдонгондугун белгилейт. Демек, жазуунун колдонулушу, ариб системасынын ойлоп табылышы – элдин билимдүүлүгүнүн кепилдиги. Алар кагазга жазылган жазуу уруш-талаштарда өрттөнүп кетишин түшүнүп, атайын таштарды табышкан, дал ошол таш бетине кылымдар бою өчпөй турган кылып чегип жазууну өздөштүргөн. Андай жазуу маданиятынын эстеликтери азыркы Монголиянын, Орусиянын, Кыргызстандан аймактарында дале сакталып турат. Ушунча кылым сактала турган Орхон-Эне-Сай, Талас жазууларын жазган эл билимдүү, тажрыйбалуу эл.

Ар түрдүү өсүмдүктөрдүн, буюмдардын жана минералдардын химиялык курамын билип, алардан дары жана боёк алган. Мисалы, ышкын түп, ит мурун, сары жыгач, эңилчек ж.б. өсүмдүктөрдөн, топурактан (жошо), минералдардан (ачык таш) өндүрүп алып, күнүмдүк тиричилигинде колдонгон.

«Мусулмандар өндүрүш жана кол өнөрчүлүк жагынан белгилүү натыйжага жетишкен, анысы кийинчерээк европалыктар тарабынан өркүндөтүлгөн. Атап айтсак, мусулмандарда бери болгон Харун ар-Рашиддин (763-809-жылдарды жашаган араб, Абасиддер калыйпалыгын өкүмдары. – М.А.) мезгилинен тарта суу сордургучтардын ар кандай түрлөрү жайылтылган жана дайыма өркүндөтүлүп турган, алар кийинчерээк крест жортуулчуларынын көмөгү менен Европага барган. Жел тегирмендер мусулмандарга Европада пайдалана баштаганга чейин эле бир нече кылым мурда белгилүү болгон»[4], – деп жазгандай кыргыздар да суудан энергия алган (суу тегирмени), сууну керектүү учурда колдонуу үчүн бир жерге сактап койгон.

Заттардын буулануу, күйүп кетүү, эрүү, тоголоктошуу (кристалдашуу), катып калуу процессин билгенден улам «Манастагы» Бөлөкбай уста сыяктуулар асмандан бөлүнүп түшкөн таштардан, ар түрдүү өсүмдүктөрдөн, минералдардан өз өндүрүш жайында аскер куралдарын жасап жатат.

Батышка белгисиз күкүрт оксиди, спирт азот оксиди сыяктуу заттарды мусулмандар тапкан жана дүйнөгө ачылыш катары тараткан[5] деп айтылат.

«Күкүрт, нефть, чайыр сыяктуу заттар менен таанышуу, бара-бара бул тез күйүп кетүүчү заттарды курал чыгаруу максатында пайдалануу жөндөмүнө алып келген. Аскердик иште чыныгы революцияга алып келген дары (порох) орто кылымдардагы доорлордун акырына чейин европалыктарга белгисиз болгон. Аны ачууну Роджер Бэконго таандык кылып жүрүшөт. Бирок бул анык «шайтан зат» европалыктарга мусулмандар аркылуу тараган. Иш жүзүндө дары да, компас да, ал тургай кагаз жана китеп чыгаруунун баштапкы ыкмалары Кытайдын мурасы болуп саналуу менен Европанын тарыхында жаңы өнөр жай-технологиялык жана маданий доолордун келишине көмөк көрсөткөн»3. Кытай дарыгери Тао Хун-цзин селитра менен көмүр аралашканда от чыга турганын V-VI кылымда эле жазып калтырганы белгилүү. VII кылымда ошол эле өлкөдө Сунь Сы-мяо деген киши күкүрттү, селитраны аралаштырып, ага локус дарагын күйгүзгөндөн чыккан күлдөн кошуп жалын чыкчу зат алганын «Дань цзин» деген трактатында жазып калтырган[6].

Ал эми тынымсыз согуштардын жана алардын арасындагы тыным алуулардын учурунда кыргыздар кытайлар менен экономикалык-соода байланыштарында турган, демек, алардын илими менен технологиясын үйрөнгөн. Илим натыйжалары кыргыздарга алмамбеттер аркылуу да келген.

Орто кылымда кыргыздар химиялык процесстерди пайдаланып кендерди казып алган, боёк чыгарган жана аларды колдонгон, болотту жана башка металл буюмдарын чыңаган, көтөрүүчү, атуучу, өзү жүрүүчү механизмдерди ойлоп тапкан, терини иштетүүнүн технологияларын эң жакшы өздөштүргөн.

Кыргыз элинин өндүрүшү – зооттору болгондугу Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунда бир топ кеңири айтылат. Бөлөкбай уста жаш Манаска ак олпок кийим даярдап бере тургандыгын убада кылат, анын ал ак олпогун чапса кылыч, сайса найза теше албайт, отко салса түтөбөйт, жалаң кабат жеңил тон. Мындай караганда бардык жагынан согушка кие турган кийим. Ал ак олпокту кантип жасай турганын уста өзү айтып жатат:

Керек болчу темирди,

Табуучу жерди мен билем, – дейт да, ал кендин ордужайын, дарегин билдирет: Кебез тоонун боорунда.

Ал эмне деген чийкизат? Текстте айтылган боюнча ал – килбото.

Аны эритүү технологиялары: Килботодон темир эритип алуу үчүн очок салынат. Ага урум жана кырым деген чийкизаттар керек болот. Урум Ала-Тоонун таш кенинен, кырым Керме-Тоонун таш кенинен алынат. Бул зоот көөнө токой Самарканга салынат. Зоот куруу, аны иштетүү үчүн, биринчиси, финансылык каражат («Алтын, күмүш – зар кетет, азар түмөн мал кетет»); экинчиси, адам жана унаа күчү («Азамат кетет, ат кетет, кому менен төө кетет»); үчүнчүсү, материалдар («аркан кетет, кап кетет») керек болот. Ошондо Манас азыр тогузда болсо, эки жыл ичинде он бир жашка чыкканча даяр болорун айтат.

Анан Бөлөкбайдын геологиялык билими да бар болуп чыгат, кен чыккан жерди ал өзү чалгындап, балдары менен чогуу таап келет:

Ала-Тоо менен Керме-Тоо,

Андан чыкчу кендерин,

Килботонун бар жерин,

Эки уулум менен Бөлөкбай,

Мен табамын ал жерин

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 444-445-бб.).

Ошондон кийин алар кен чалгындоо жүргүзүп, ЧоңОпол деген жерден килбото таап, аны жети миң унаа менен ташыйт. Керме-Тоонун четинен төрт аршын жердин алдынан кызыл алтын, кызыл мис, кырма кызыл курч табышат, Ала-Тоонун урчуктан, салынып келген тумшуктан урум темир кенине кездешет.

Эми чийкизаттар табылган соң зооттун ишин баштайт, продукция алуу технологиялары көрсөтүлөт, аны Бөлөкбай мындай айтып берет: биринчиси – «Жердин бетин ойдурам» экинчиси – ошол оюлган жердин «бөйрөктөрүн чойдурам» үчүнчүсү – ал оюктун ичине «отун толтурам» төртүнчүсү – «күйгүзүп жалын өрт кылам» (жөн эле от эмес, өрт!) бешинчиси – шыңгырап үн чыккан тоодой жер көмүр жактырат алтынчысы – саздан чабылып, күңгө кургаткан турупту кошо жактырат жетинчиси – «жердин бетин от кылам, очокту кызыл көк кылам» сегизинчиси – ошол оттун күчү менен «темирдин сүттөй агызам».

Ушундай татаал, узакка созулган иш-аракеттерден кийин чийкизаттан курал-жарак жасоого керектүү бир формадан экинчи формага өткөн чийкизат пайда болот, анын белгилери: «үстү каймак килтилдейт, алды кызыл жылтылдайт, орто жери ак сары», мына ушундай үч түрлөнүп калганда алгачкы металл түрү болот келип чыгат. Ушундай болот пайда болгон соң уста отту өчүрөт, шамал тийбеши керек деп, очоктун оозун көмдүрөт да, кырк күндөн кийин ачтырат, ошондо жанагы металлы үч кабат болуп калат.

Андан ары ошол болотту сууга чылайт, сууга чылаганда бети өзгөрүп кирдебейт, ийилет, бирок сынбайт, чапсаң таш кесет, бетине кан жугуп калбайт.

Үч кабат болоттун эң үстүңкү кабатынан (ал жерде кырым, урум, көк жал аралашып турат) мылтык, ачалбарс, найза, айбалта жасайт.

Ортоңку кабатынан (ал курамда көк жал турат) баатырга туулга кылат, мындай темир деги жок дейт.

Эң түбүндө калганынан (ал жерде коло, чоюн, коргошун уюп калган) аккелтенин огун жасайт.

Ошентип Бөлөкбай уста курал-жаракка керек болуучу кендерди таба билген, аларды иштете билген жана химиялык, физикалык жол менен заттарды бир формадан экинчи формага өткөрө алган жана өз заманы үчүн ушундай жогорку технологияларды балдарына үйрөтүп, аларга билим берген.

Бөлөкбайдын ошол заводу курал-жарактарды миңдеген адамдарга жете тургандай кылып, массалык түрдө чыгарууга жетишкен.

Кыргыздардын кырым, урум деген темирлери болгондугу Жусуп Мамайдын вариантында кеңири айтылат. «Кырым кен ташы» дегенди С.Иманалиев «кремний (лат. Silicium), мезгилдик системанын IV тобундагы химиялык элемент болушу мүмкүн» деп болжолдойт[7]. Таза кремний илимге XIX кылымда гана белгилүү болгон. Жаратылышта таза түрүндө жолукпайт, силикаттар түрүндө гана кездешет. Ал отко аябай чыдамдуу келет. Кремний чыгаруучу заводду эгемендүүлүк жылдарында Таш-Көмүр шаарында кура баштаганбыз. «Кырым чыкчу кен ташты, Керме-Тоодон алдырсак» деген мына ошондон келип чыгууда. Андан жасалган курал-жарактар отко, сууга чыдамдуу, демек, бул кен Манас доорундагы куралжарак жасоочулар, алардын ичинен төкөр уста Бөлөкбай тарабынан белгилүү болгон деп айтууга кандайдыр бир негиз бар. Ал гана эмес жогорудагы изилдөөчү «Мамбетов эффектиси» деген физикалык ачылыш жасаган Дүрбөлөң Мамбетовдун чоң атасы моңолдор уруусунан чыккан Нарынбай уулу Айтмамбет Кашкар ханынын таза болоттон жасалган кылычы сынып калганда, сыныктын ортосуна кеперес деген порошокту сээп дароо сыныкты бериктирип бергенин жазат.

«Манаста» «Асмандан түшкөн алты курч» деген саптар да көп кайталанат (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 13-б.). Бул деген кыргыздар асмандан жерге жааган таштарды пайдалана билген дегенди түшүндүрөт, ал таштар ошол турушунда колдонулбайт, аларды колдонуунун, өздөштүрүүнүн технологияларын өздөштүргөн. 1925-жылы италиялык жана мисирлик аалымдар Египет пирамидалардагы Тутанхамон саркофагындагы канжардын курамын текшерип жатышып, бул канжар жер бетинде кездешпеген, Жер планетасынан тышкары жактан табылган бир зат болушу керек деген чечимге келген. Алар рентген нурлары менен канжарды дыкат текшерип көрүшсө, анын курамында никель жана кобальт дегендерден турат экен. Тутанхамон заманында бул эки минералды кошуу ойго келбеген нерсе дешет. Анан дагы 2000-жылы окумуштуулар Алесандрия жеринен бир метеориттин сыныгын таап, аны изилдеп көрүшсө жана Тутанхамон канжары жасалган курамга окшогон заттар бар экен[8]. Ушундан улам мен да Эне-Сай кыргыздары жана «Манас» эпосунда жоокерлер колдонгон курал-жарактарда метеорит пайдаланылган болуу керек деген ойго келдим.

[1] Саспаев А. Бүгүнкү кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө // Ала-Тоо. – 2008, март, 195-б.

[2] Манас. СО, 3-китеп. – Ф.: 1981. – 208-б.

[3] Худяков Ю. Енисей кыргыздарынын тарыхы, «кыргыз» этноними жөнүндө // Кыргыздар. 14 томдук. IIтом. Тарых. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: «Бийиктик», 2011. – 204-205-бб.

[4] Зарринкуб А.Х. Ислам цивилизациясы. – Б.: 2013. – 65 б. (176 б.)

[5] Зарринкуб А.Х. Ислам цивилизациясы. – Б.: 2013. – 66 б. 3 Зарринкуб А.Х. Ислам цивилизациясы. – Б.: 2013. – 66 б.

[6] Порох (история изобретения) // http://istoriz.ru/poroxistoriya-izobreteniya.html

[7] Иманалиев С. Жусуп Мамайдын «Манас» дастанындагы тоокендеринин иштетилишине карата илимий божомол жана жаңыча баалоолор //«Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22–24-майында ЖАМУда өткөн илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 76-б.

[8] http://tvkultura.ru/article/show/article_id/152574/

 

КЫРГЫЗДАРДЫН БОТАНИКАЛЫК САЛТТУУ БИЛИМДЕРИ

Элдик эмпирикалык ботаниктер жана зоологдор да кыргыз этникалык маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон. Кунту өзгөчө күчтүү адамдар жаратылышка байкоо салып, билгендерин балдарга үйрөтүп турган. Азыркы кыргыз жеринде өсүмдүктөрдүн 4500дөй түрү белгилүү, 315 түр өсүмдүк Кыргызстанда гана өсөт.

С.Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунда (үчилтиктин биринчи гана бөлүмү экенин эстеңиз) өсүмдүктөрдүн 120дан ашык түрү тууралуу айтылат. Аларды изилдөөчүлөр төмөнкүдөй бөлүштүрөт[1]:

Дарак жана бадалдар: арча, алтыгана, жылгын, караган, кара жыгач, тал: ак тал, кара тал, кырчын тал, эчки тал; терек: ак терек, бай терек, көк терек, чынар терек; мөмө-жемиш берүүчүлөрү: алма, алмурут, айва, анар, бадам, долоно, жаңгак, жийде, кокок, сары жыгач, үкөк ж.б.

Чөптөр: ат кулак, балтыркан, беченди, жантак, жекен, кара кыяк, камгак, киемин, кемирчек, кымыздык, санаа, тикен: ак тикен, көк тикен, тулаң ж.б.

Дан өсүмдүктөрү: арпа, буудай, жүгөрү, конок, күрүч, таруу ж.б.

Булалуу өсүмдүктөр: кендир, пахта.

Бакча өсүмдүктөрү: андалек, ашкабак, дарбыз, коон ж.б.

Мына ушул өсүмдүктөр кыргыздар тарабынан өстүрүлгөн, аларды карап, багуунун, кыйыштыруунун сырларын билишкен. Биз жаңгак Асланбапта гана өсөт, ал жактан А.Макадонский Грецияга алып кетип, «грек жаңгагы» деп калынган дегенибиз менен «Манас» эпосунда жаңгак Алтай жеринде эле кыргыздар тарабынан өстүрүлгөндүгү айтылат («Алма, жаңгак жемиши, атпай журтка белгилүү» СО, 8, 37), а түгүл Эне-Сайдын боюнда Жаңгактуу, Жаңгак-Тоо деген жер аттары болгондугун С.Орозбаков айтып өтөт. Кумайык да Манаска Жаңгактуунун керүүдөн Кум-Булактын белинен, даарат алган жеринен, кайыбынан кабылат (Манас, 2010, 1-т., 429).

Аттардын жемине өсүмдүктөрдү кылдап да, ылгап да берүү жагынан кыргыздар абдан билгичтик кылган. Мисалы, эпосто аттарды багууда жүгөрүнү жем катары колдонгонун билебиз (СО, 5, 251).

Бакчылыктын технологияларын өздөштүргөнү үчүн бул дүйнөдөн кетип аткан Көкөтөй артында калган Баймырзага керээз айтканда чарбакта «алма, жаңгак, мейизи», «жети таш жерге тигилген жетимиш уруу талы», «албан түрлүү жүзүмү» бар экендигин айтып, аларды тапшырып кетет (СО, 8, 19-20).

Эпостогу маалыматтарга караганда кыргыздар өсүмдүктөрдү төмөнкүдөй максаттарда колдонгон:

  • жерге кооздук берүү, жаратылыш көркү катары;
  • адам менен символдош катары (Манас өлгөндө калың журтка кошо «карагай ыйлайт, тал ыйлайт», «Каныкей ыйлап турганда кайың менен тал ыйлайт» (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 206-б.);
  • адамдарга азык катары;
  • малдарга жем-чөп катары;
  • курулуш материалдары катары (боз үй курууда, көпүрө салууда, хан сарай тургузууда ж.б.);
  • аскер куралдары катары (балта сап, сыр найза ж.б.);
  • дары-дармек катары;
  • буюмдар катары (чара, табак, кендир аркан, бешик, ээр, камчы, баталга, мамы);
  • эс алганда көлөкөлөй турган жер катары;
  • канаттуулардын мекени катары;
  • адамдарды салыштыруу катары («чынарым», «бай теректей», «кырчындай», «карагаттай», «чырмооктой», «коко тикендей» ж.б.).

«Улуу манасчы (С.Орозбаков тууралуу – М.А.) өсүмдүктөрдүн чөйрө шарттарын, аймактык өзгөчөлүгүн, түрлөрүн жакшы билип, алар адамдын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп тураарын ар тараптан ачып берген»[2], эгер анын элдик ботаникалык билими болбосо, кыргыз жеринин гана эмес Батыш Сибирь, Чыгыш Түркстан, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш ж.б. аймактардын флорасын мынчалык билгичтик менен эпостун көркөм структурасына киргизе алмак эмес.

Манасчылар адамдын түркөйлүгүн, билимсиздигин, элге душмандыгын алардын өсүмдүктөргө кылган мамилеси аркылуу да көрсөтөт. Канчоро бийлик кылган кезде: «Чынар да терек, бай терек, суу жайылбай солуптур («Сейтек», 163), – деп айтылат.

Кайран абаң барында

Касиеттин чагында

Алма бышып көң болгон,

Жаңгак бышып дөң болгон,

Жаңгагы түгүл чырпык жок,

Дүнүйө кара жер болгон

(«Сейтек», 163) ж.б.

XIX кылымда азыркы Жалал-Абад жакта жашаган Калмат аттуу акын бүтүндөй ырларында чөптү, анын түрлөрүн, көрүнүш-көркөмүн ырдай берчү экен, кийин анын өз аты унутулуп Чөп ырчы аталып калыптар. Мына ошол киши анык ботаник, ботаник гана эмес, андан сабак берген устат да болгонун кантип айтпай коё алабыз.

Жазгыч акын, этноботаник жана этнозоолог Молдо Кылыч Кара-Кочкордон чыгып Чүй жерине барып, «Чүй баяны» деген атактуу казалын жазып, анан ошол жердеги өскөн өсүмдүктөрдү бир-бирден атайт, алар: кара куурай, зыгыр, кытай конок, кунжут, картөшкө, шалгам, алча, алма, өрүк, шабдаалы, чие, тыт, алмурут, мисте, бадам, жаңгак, капуста, сабиз, пияз, чөп (тамакка кошулган көктөр тууралуу айтып жатат го – М.А.), калемпир, мурч, жүзүм, анар, коон, дарбыз, ашкабак, бадыраң, карагат, бүлдүркөн, кожогат, дан куурай, текей, мандалак, ышкын, сарымсак, балтыркан, балжууран, козу кулак, кымыздык, арча, карагай, жады куурай, карандыз, катыраңкы, дулдана, сары жыгач, кайың, четин, мүрөлү, кара куурай сүттикен, күлкайыр, камыш, жекен, терек, байчечекей, уу коргошун, боз караган, жылгын, алтыгана, шоро, шилби, чычырканак, сөгөттү, ак чечек, сагыз куурай, чекенде, ак куурай, кендир, топчу куурай, камгак, ак тикен, уйгак, алабата, шыраалжын, какумкукум, төө-тапан, жер чай, тегерек баш, сар куурай, чачыраткы, ак куурай, адырашман, акшары, аткулак, чалкан, кызыл куурай, чогойно, коко тикен, чырмоок, кызыл мыя, жалбыз, жылтыркан, шыбак, түлкү куурай мизибек, бетеге, ыраң, шибер, ажырык, кара кыяк, буудай баш, беде, көдөө, таргыл, чирче, жөргөмүш, көтүбош, тогуз төбө, теңге чөп, доңуз сырты, ычкырык, чекилдек, чырыш, сасык таана, тулаң, куурай, шимүүр, чечекей, кырмески, көбүргөн, чемирчек, жер буурчак, меңдумана, чечен, жанузак, карга тырмак, терскен, кызыл гүл, сере, көкөмерен, эрбазын, кара жыгач, күрмөк, маш урук, ураан, кызыл конок, арпа, тамеки, күнгө багаар, көк нар. Ушинтип акын 140 өсүмдүктүн атын атайт, ар биринин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, адам турмушундагы маани-жайын белгилейт, ушунчалык энциклопедиялык бай билимдүүлүгүнө карабай, бир жеринде «ар бир түрдүү чөптөр көп, атын билбейм нечендин» деп дагы эле көбүн билбешин эскертип өтөт. Ырыс акын кыргыздын фитомедицинасына да, табыпчылыгына да, Чүй фауна-флорасына да экскурс жасоо менен алардын кийинки жаштар билиши керектигин айтат.

Молдо Кылыч элдик эмпирикалык билимдерге таянып, өзүнүн муунуна жана кийинки урпактарга 650 саптан турган жогорудагы поэмасында атаган 140 өсүмдүктүн, 73 жаныбардын түрүн таанып билүүгө салым кошсо, Жеңижоктун «Жер соорусу Аксы экен» ырында фаунанын 78, флоранын 32 түрү, Тоголок Молдонун «Ала-Тоо» поэмасында фаунанын 50, флоранын 20 түрү берилет. Булар өз кезегинде элдик окуу китеби катары дүйнөнү таанып-билүүдө кызмат кылган. Мындай таанып-билүү элдин күнүмдүк жашоо-тиричилиги, турмуштук уклады үчүн эң эле зарыл болгон. Мисалы, жаш Чыңгыз, кийинки белгилүү жазуучу, Шекер айылындагы жайлоодо асыл тукум, кымбат баалуу Дон айгыры уу чөп жеп алып, өлгөнүн, ал эми жергиликтүү жылкылар ал чөптү таанып, жебей тургандыгын орус ветеринарына которуп бергени тууралуу айтып-жазып жүрөт. Демек, жаныбарлар жана өсүмдүктөр тууралуу элдик билимдер адамдарга гана эмес, алар багып аткан малдарга да керек болгон.

Молдо Кылыч дары өсүмдүктөргө «байчечекей байрачанды», жады курай, карандысты, сууга чыккан жанузакты кошот, уу коргошун, ак кодол малга зыян экенин белгилейт, «пулу жүз сом мүйүзү, бугусунун башында» деп мүйүздүн жогору бааланарын айтып өтөт, а түгүл «Америкендин тоогу, ала чаар түгү бар» деп алыскы континет тууралуу да билимге эгедер экендигин тастыктайт[3].

Кыргыздар байыртадан эле өсүмдүктөрдүн дарылыгын, тамак-ашка жана күнүмдүк тиричилик буюмдарына керек экендигин билген жана аларды кийинки балдарына үйрөтүп келген. Ат кулак бүрдөгөн кезде андан боёк алышкан, мистенин жалбырагындагы галдарын да боёк катары пайдаланган, как кургатууда, эт, курут сыяктуу азыктарды жайып коюуда, сере жасоодо, тосмо жасоодо кара марттын сабагын колдонгон, камышты токуп, ошондон кышаа соккон, жаңгактын жалбырагы менен курт-кумурскаларды качырган, ыргай, табылгы бадалдарын ийик, сабоо жасоодо, эмгек куралдарын саптоодо колдонгон.

Жапайы пияз, согон, чирич, жалбыз, беде жаңы көк болуп чыккан кезде тамак катары пайдаланылган, жайлоодон кымыздык, ышкын, чүкүрү, көбүргөн, жапайы сарымсак ж.б. чөптөрдү ошол жерден эле жешкен.

Тамак-ашты алып жүрүүдө, сактоодо алардын арасына арча, жалбыз, бака жалбырак салып койгон, ошол өсүмдүктөрдүн чымын-чиркей жолотпой турган жана азыктарды дизинфекциялап турган касиети бар экендигин сезишкен.

Тери, жүн буюмдарына күбө түшпөсүн үчүн араларына эрмен, жалбыз, жаңгактын жалбырагын салып койгон.

Өрүк, кайноолу, шабдоолу ж.б. мөмөлөрдү как кылып кургатуу үчүн аларды үзүлгөн жалбыз үстүнө жайган.

Алыска ат чабылганда ошол ат чаалыкпас үчүн, жакшы дем алып турушу үчүн оозуна жакын жерине билгизбей уу коргошунду байлап койгон учурлар болот. Ушундай бир уулуу экендигине карабастан анын нормасын билип, тамырын алып кымызга чылап, же жаш шорпого кошуп, кургак учук, кызыл жүгүрүк болгон адамдарга ичирген.

Эрменди кайнатып, аны тундуруп алып, чүпүрөккө малып, эттин урунду болгон жерлерине, сыздатып ооруган муундарга байлап койгон.

Ышкындын тамырын алып чанач, сабаа ыштаган, койдун терисин аны менен жошолоп, ак терини сарыга боёп алып кийишкен.

Куураган чөп, бетеге,

Кара кыяк, ак сокто,

Оозун бүтөп үңкүрдүн

Куу сөңгөк чөптөн тартты эле

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 7-б.), – деп айтылган саптарда бир нече өсүмдүк түрү айтылып жатат.

Эпосто чагылдырылган Талас жеринин өсүмдүктөрү жана алардын мүнөздөмөлөрү: жалбырагы жаргактай; балтыркан чөбү билектей; чырпыктары чынардай; талдары бар ийилип; бетеге белден буралат; кызгалдак чөп, кымыздык, белден бурап чубалып; түлкү мурут, жоңгурчак, көкө мерен, ак сото түрлүү чөптүн баары бар; жылгын, кайың, карагай.

Эр Манас хан болуп турганда багбандарды иштетип, бак кылат. Анын багы:

Кең Таластын боюнда,

Жылгындуу Кең-Кол оюнда,

Төрт-Күлдүн төмөн жагында…

Анын жанындагы жерлер: Дөбө-Мойнок, Капка-Таш, Көтөрмө (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 220-б.).  Ошол жерде Төрт-Күлдүн төмөн жагында кыргыз хандыгы бакча кылган, ал жерге өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрүн эгип өстүргөн, сээрүүндөгөн, ауздарды жасаган (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 148-б.).

Кандайдыр бир иш-аракеттерди аткарууда адамдар ошол кыймылын өсүмдүктөр менен байланыштырган.

Балтыргандын тамырын Сууругандай кылайын.

Тукумдук кара тарууну,

Кууругандай кылайын

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 57-б.).

Бул Кыяздын аябай ачуусу келип, жаңы туулган Сейтекке карата айтып аткан сөзү. Балтырганды тамыры менен сууруганда ал экинчи чыкпайт, ошол бойдон жок болот, кара тарууну кууруп таштаса, ал экинчи тукум (урук) болууга жарабайт. Элдин өсүмдүктөр тууралуу мына ушундай билими, түшүнүгү манасчылар тарабынан образды ачууда, көркөмдүктү арттырууда, ойду жеткиликтүү берүүдө колдонулуп жатат. Мындай мисалдар «Манас» эпосунда абдан көп учурайт.

[1] Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы өсүмдүктөр дүйнөсү // «Манас» Сагымбай энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Бийиктик Плюс. – 2015. – 1087-1089-б.

[2] Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы өсүмдүктөр дүйнөсү // «Манас» Сагымбай энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Бийиктик Плюс. – 2015. – 1087-1089-б.

[3] Молдо Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 80-б.

 

КЫРГЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯЛЫК САЛТТУУ БИЛИМДЕРИ

Байыртадан кыргыз элинин жаратылышы жаныбарларга өтө бай болгон. А түгүл азыр Жер бетинде жок болуп кеткен, же кыргыздар жашаган Батыш Сибирдин Эне-Сай, Алтай, Бай-Көл, Турпан, Кызыл-Суу, Памир,

Жыззак, Алай-Анжиан, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй чөлкөмдөрүндө учурда кездешпеген жаныбарлар тууралуу оозеки баяндарында айтылып калган.

Кыргыздар жолборсту, арстанды, пилди колго үйрөткөн.

Адамдардын колдоочулары катары жапайы жаныбарларды эсептешкен, а түгүл ири уруулук бирикмелердин (бугу, бөрү, жору, багыш ж.б.) түпкү тегин да ошол жапайы айбандардан чыккан деп, аларды сыйынуучу ыйыктары катары эсептешкен. Бала төрөлгөндө алардын ысымын да Бөрү, Бөрүбай, Илбирс, Жолборс, Түлкүбек, Бүркүт, Кундуз, Шумкар ж.б. деп коюшуп, ошол жаныбарлар аны колдоп жүрөт деп эсептешкен.

Жаныбарлардын терилеринен ар кандай буюмдарды, анын ичинде өздөрү үчүн кийимдерди турмуш-тиричилигинде кеңири колдонгон. Албетте, мындай кылуу үчүн ошол жаныбарлардын жашоосу, териси, арам-адалдагы, кишиге таасир этүүчү органдары ж.б. тууралуу маалыматтарга ээ болушу керек эле.

«Манас» эпосунда жезтумшук деген жаныбар тууралуу айтылат: «Тумшугу жез киши бар – убара чаркоо дегини» (СО, 2, 170).

Желмаян деген төөнү Шай ата Манаска кайыптын элинин алып келип берет, ал баатыр кайып болуп кеткенде кошо кайып болуп кетип, бейшемби, жума күндөрү күмбөзгө келип, ал жердин ээси катары эл тарабынан ыйык тутулат. Ак буура да Манасты согуш учурунда колдоп жүрөт:

Кара башыл ак буура

Оң капталдан туптуура

Калжаң уруп качырып,

Кабактан чыга калгандай (СО, 2, 186)

Канаттуулар тууралуу мындай аныктамалар берилет:

Карпайып конгон кажыр бар, Жопроюп конгон жору бар.

Канаттуу куштун зору бар,

Куркулдап жүргөн кузгун бар (СО, 3, 168).

Мында кажырдын, жорунун, кузгундун башкы белгилери жана алардын жүрүшү, учушу табияттагыдай таамай берилет.

Жаш чагында Манас кербен деп жиберген Эсенкандын тыңчыларын кармап алып, ал он калмак, беш кытайды тындым кылып:

Жору жесин жоңконун,

Кузгун жесин куулугун (СО, 2, 258), – деп тарп жеген канаттуу куштар тууралуу айтат.

Табияттын адамга баш ийбес жырткыч макулуктарын да адамдар колго үйрөтүшкөн: «Жолборстон баккан үчү бар, илбирстен баккан беши бар (СО, 8-9, 56), – деп кишилердин дрессировщиктин өнөрү тууралуу айтылат. Дрессировщик (франц. dresser – башкарып алуу, үйрөтүү, көнүктүрүү) – жаныбарларды адамдын айткан-дегенине көрүнүктүү. Андай көнүктүрүүнүн максаты: жаныбарлар менен жакшы мамиледе жашоо; башка душмандарына каршы коюу; аңчылык кылууга жардамдашуу ж.б. Дрессировка – байыркы өнөрлөрдүн бири болуп, ал кандайдыр бир билимди талап кылган. Дрессировка – бул билимге негизделген, максатка багытталган, өз усулу жана ырааттуулугу бар адамдардын жаныбарларга жасаган үстөмдүк мамилесинин жыйынтыгы. Анда адамдар үйрөтүп жаткан жаныбарлардын кыймылын, мүнөз-куюн, максатын, жактырган жана жактырбаган нерселерин бүт билип турушу керек.  Эгерде жаныбарлардын артында этияты-шарты деп 20дан 200 чейин таяна турган нерсеси турса, бул таяныч адамдарда 2ден 20га чейин эле болот экен. Демек жаныбарларды жаңыдан үйрөтүү өтө эле татаал, курмандыкты талап кылат. Андагы башкы нерсе – акыл-эс жана мыкты туюм-сезим, дал ошол нерселер жаныбарлардын тилин жана дилин түшүнүүдө адамга жардам берет, үйрөтүлүүчү жаныбарларга жылмаюу, сылап-сыйпоо, жакшы сөз, сүйгөн тамагын берүү, үйрөтүлүүчү жерде атмосфера түзүү ж.б. жагдайлар мында сөзсүз эске алынат. Андай үйрөтүлгөн жаныбарлар көчтө унаа катары пайдаланылат, барктуу тартуу катары берилет, согушта теңдешсиз көөлүк катары колдонулат. Мисалдар:

Кериги бар, пили бар,

Алооке оңой жоо эмес,

Кейиштүү балдар, билип ал! (СК. 1, 24)

Менин жүктөөрүм атан, пил болду (СК. 1, 44) Кызыл куйрук пилимди ал,

Кымбатым журтум тилимди ал. Силерден сурайм угуп ал.

Ак сакалдуу карың ук,

Кырк үйлүү кыргыз баарын ук! (СК. 1, 66)

Добулбас бекем кагылды, Керик коштоп жүк арткан Төө-төөсүнө жабылды.

Эр Алооке баатырга

Шашкалаң катуу көрүндү (СК. 1, 380)

Керикке алтын артылып (СК. 1, 380) ж.б.

Мындай жаныбарларга жогорудагы керик менен пилден тышкары кабылан, мадыл, тумгак аюу, кетечек аюу, суңал аюу ж.б. жыртычтар кирет.

Душман тарап түлкү, кулжа, куу өрдөк ж.б. жаныбарларды тыңчы, кабарчы катары пайдаланат, демек, аларды ошого үйрөткөн.

Элдин салттуу жашоо-тиричилигинде төрт түлүк малдан тышкары кайберен тукуму (аркар, кулжа, марал, элик, чаарчык, теке, бугу ж.б.) жердин кооздугун, элдин бейпилдигин символдоштурат. С.Орозбаковдун вариантында «Будурунда бугу бар», «Адырдан аркар куюлуп» деген саптар кездешет.

С.Каралаевдин вариантында Манас Текес жерине келгенде ал жер мындай сүрөттөлөт:

Жан жараткан ар түрдүү, Жаныбарлар баары бар. Коңулуңда коён бар,

Копшутунда жылан бар, Тектиринде теке бар, Будурунда бугу бар. Адырында аркар бар, Түзөңүндө түлкү бар.

Талаасында кулан бар.

Кескелдирик жыландай,

Куландары кунандай,

Жыландарын карасаң

Алты кулач аркандай, Алда таала кудурет, Жан жараткан ар кандай.

Булбулу сайрап чуулдап, Буруп-буруп сайраса, Муңдуу киши уккусуз.

Буркурап ыйлап эчен жан Бул жайындан чыккысыз.

Тоосунан күкүк сүйлөнүп,

Талынан тоту күүлөнүп, Кайыңга тууп куштары, Камынган экен учканы. Терекке тууган куштары Теминген экен учканы.

Талынын башы ийилип, Тамашасы ушундай, Кумунун үстү чийилип.

Чырпыктары чынардай,

Чымчыктары улардай (СК. 1, 181).

Демек, бул жерде элдин экологиялык сабаттуулугу жогору, жери жаныбарлардын жашоосу үчүн ылайыктуу, эли токпейил, ынсаптуу. Манасчы кайсыл жаныбар кандай жерде жашоого ылайыкташканын, алардын климатка жана жер шартына бапташканын көрсөтүп жатат: коңулуңда – коён, копшутунда – жылан, тектиринде – теке, будурунда – бугу, адырында – аркар, түзөңүндө – түлкү, талаасында – кулан,  тоосунда – күкүк, талында – тоту, кайыңда – куштар ж.б. Ошол эле кезде ал жаныбарлар башка жактагы жаныбарларга караганда өзгөчө касиетке, өзгөчө жыргалга ээ, андыктан алардын сүрөттөлүшү: кескелдирик жыландай, куландары кунандай, жыландары алты кулач аркандай, куштардан талынын башы ийилет, чырпыктары чынардай, чымчыктары улардай ж.б.

Сейтек ата журтун издеп Кең-Чаткал ашып Таласка келгендеги ал жердин жаратылышын, флорасын жана фаунасын манасчылар мындайча берет. Жаныбарлар дүйнөсү: кара курту бармактай; маралы качып чү десе, мала кашка инектей; чымчыктары улардай; кескелдирик жыландай; куландары кунандай; жыландары аркандай; адырда күкүк күүлөнөт, токойдо булбул сүйлөнөт; адырдан аркар түйүлөт; будурда бугу буюгат; тектиринде текеси; бөксөсүн бөрү жойлойт; түзүндө түлкү ойнойт, адырында жорго тоодак, чоң тоодак оттойт; черинин ичинде чагарак куйрук, чаар жон арстан, жолборс бар; тектир адыр жеринде теке, кулжа, тегиз токой ичинде торопой, каман оттойт; токой ичинде карчыга, чекир куштары камчыланат учканы; кулаалы чекир куштары куп камынат учканы; бир эле чынардын бир бутагында самсаңдаган сар тууган, бир бутагында ала моюн таан, бир бутагында үксөйгөн үкү, бир бутагында кымпыйган кыргый тууп балапан чыгарат.

Тескерисинче, душман тарапта башка бир адамга жакпаган, же мифологиялык жандыктар кездешет. Мисалы, Мадыкандын «Минген ую көк бука» (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 58). Канчоронун хандыгын кайтарган сакчылардан сырткары пили, койбос, тайбас, бүчү дегендери бар, бир койбостун өзүндө токсон жолборсун күчү бар (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 163-б.). Желмогуз уулу Сарыбай токойду тосуп, пил кармап, куланды кууп кысыктан, бука кийик, төө кийик, аюу, арстан, жолборс кармап жүргөндүгү айтылат (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 209-б.).  Мындагы бука кийик, төө кийик деген жаныбарлар кайсылар? Төө кийик дегени кадимки төө кушпу?

Адамдын тагдыры бул же тигил жаныбар менен байланышып калгандыгы, бул же тигил жаныбар адамдардын колдоочусу, пири болгондугу кыргыз элинин жана манасчылардын зоологиялык билими жогору болгондугун айгинелейт. Алсак, Манас туулганда эле жаныбарлардын белгилерин алып жүрөт: пил мүчөлүү, жолборс моюн, бөрү кулак, жолборс төш. Чыйырды боюна бүткөндө сумурук куштун көз майы – чечекейине талгак болот, ал куш аалам кезип, жерден-көктөн баарын көрүп жүрөт экен, анын ошол кыраандыгы, көрөгөчтүгү, аалам кезген алптыгы адам менен байланыштырылат. Анан да жолборстун жүрөгүн, шердин тилин жегенге кусаматы артат, бул да адам менен, келечектеги туула турган бала менен тигил баатыр, тайманбас жаныбарлардын байланышын табуу идеясы болгон (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 327-б.).

Чыйырды жолборс жүрөгүнө талгак болгондо аны табуу үчүн Адылбек, Балта, Жакып сыяктуу беш жүз жигит Алтайдын Бурул-Токоюна уучулукка кирет. Ошондо токойдон чыккан жаныбарлар: кескелдирик, сары арыс, бөрү, чөө, кулан, уй, бугу-марал, элик, куран, кулан, ошолордон эки жолборс эки шерди, отуз бөрүнү жыгып, керегинчени гана алып калат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 332-б.).

Ал эми ошол кезде сумурук ал жерде жашаган эмес экен, Урум шаардын баашасынан сумуруктун көзү келет. Негизи сумурук (зымырык) куш реалдуу дүйнөдө жашабаган, жомоктук жаныбар катары чыгыш элдеринин мифтеринде, жомокторунда гана кеңири учурайт.

Сейтектин колдоочулары: кара чаар кабылан – кара жалдуу арстан – сур жолборс – алп кара куш-зымурук – кырк жолборс Көтөрмө (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 221-б.).

Марал, бугу, теке, соёочор, кийик, бугучар, музоо, алты айры бугу, тогуз айры бугу, он эки айры бугу, элик, чаарчык ж.б. кайберен тукумунун эле эчен түрү эпостун тексттинде кездешет.

Мал кармоо, мал кылуу да зоологиялык билимдерди талап эткен. Жакып малдуу болуш үчүн аларды кантип багуунун сырын билген:

Адырга жылкы топтотуп,

Өлөңгө уйду оттотуп,

Какырга төөнү колбутуп (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 330-б.) жүрүп, мал санын эсепсиз көбөйтөт да, хандыкка жетет.

Жаныбарларды унаа катары колдонуу да эпосто кеңири сүрөттөлөт:

Агар алтын, ак күмүш,

Желмаян билге жүктөп кет! (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 20-б.).

Эртеңки күнү чыр кылса,

Керикке кошуп артат го (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 20-б.).

Мындагы желмаян пил жана керик – оор жүк ташуучу унаалар болгондугу айтылууда.

Жаныбарларды жашоо өзгөчөлүгү, мүнөздүү белгилери да көрсөтүлөт:

Казгалдак деген кайран куш…

…Ителги деген кыраан куш…

…Кулаалы деген курган куш… (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 58-б.).

Бөдөнөдөй көзүнөн

Бөлөк-бөлөк жаш кетип,

Карагаттай көзүнөн

Камчы бою жаш кетип (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 207-б.).

Эпостогу каармандар менен жаныбарлар салыштырылат:

Коёндой жерге ыктаймын (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 78-б.).

Мына ошондо Күлчоро,

Карчыгадай камынды (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 126-б.).

Сейтек Таласка – мекенине келе жатканда эң биринчи он алты жыл бөгүп калган Семетейдин төөсү Бозинген боздоп чыгып тосуп алат. Аны көрүп Сейтек атамдан калган малым деп опсуз ыйлап буркурайт (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 154-б.).

Куйрук-жалдан айрылган

Ошо чөлдөгү кулан мен болдум (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 207-б.).

Мында манасчылар Бакайдын абалын чөл жаныбары менен салыштырып жатат, чынында тоолук кыргыздар үчүн чөлдөгү куйругу жок, жалы жок кулан башкача куник көрүнгөн, демек, кыргыздар куландын дене-боюн, кебете-кешпирин да жакшы билген жана аны адамга салыштыруу үчүн пайдаланган.

Ак бөкөндүн кылындай,

Суурулушуп калышты (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф.,1960, 209-б.).

Бир топ жаныбарлар эпосто айтылат, бирок азыр кездешпейт. Мисалы, Айчүрөк Күйгөн-Таштан, КүйүктүнБелинен ашып, Күн-Кетпестин талаасына барат, ал жердин жаныбарлары: киши кийик, төө кийик, бука кийик, кулан, жаргыч, койбос, тойбос, кара ажыдаар. Андан да өтсө Эл-Барбастын талаасында бугулар жашайт.

Эпостон айрым бир жаныбарлардын мурдагы аттары менен да кездешебиз:

Керик – носорог

Киш – териси баалуу майда жаныбар (булгун)

Ал эми кулан эпостун текстинде көп кездешет жана аны адамдар эт катары пайдаланат: Кулан атып жеп келдим (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 237-б.).

Молдо Кылыч акындын «Чүй баяны» поэмасында мындай саптар учурайт:

Ызгырылып сайраган, Чегирткенин үнү бар.

Тикенектей сайылган,

Жер кирпинин түгү бар,

Кирпичечен өзү бар,

Шибегедей шиши бар,

Арс чычканын карасаң, Иттикиндей тиши бар.

Карап турса капкара,

Коңуздары муштумдай, Сар жыландын чоңдугу Жаш баланы жуткандай.

Чегирткеси сакадай,

Көпөлөктүн чоңдугу

Көйнөгүнө салдырган, Кадим алка жакадай. Сөөлжаны, сүлүгү,

Жаачы, ала күлүгү,

Отко түшкөн парвана,

Ар жандардан бөлөгү,

Жаны курбан алалга,

Ташбакасы далбайып, Көл бакасын карасаң Жан аяктай жалпайып. Суусундагы суу жылан

Сонун болот көрсөңүз,

Кара кылдай кыл жылан

Тиктеп турсаң, жигиттер,

Сонун эле жер экен,

Ушулардын баарысы, Айтканымдай эп экен. Канаттууда аяктуу,

Карап турсаң акыры, Илбесини көп экен,

Каркырасы, тоодагы, Көктөмөдө көрөсүң, Чуркураган турнаны.

Каркылдаган каздары,

Өрдөк менен сонору, Кара суу быкылдап, Учуп-конуп жатканы.

Кызыл короз бозтеги,

Каракунас, бир казан Сууну бойлой кечкени. Ак чардагы, чулдугу,

Дарылдаган тартары,

Мойну кулач көк кытан Суудан балык алганы.

Калың болор ченемсиз Кара карга уругу.

Тоосундагы улары,

Арбын болор кекилик,

Айры куйрук, кулалы,

Башы кызыл каракур, Билем десең, жигиттер, Бир түрлүү жан мына бул.

Чыргыттаган чили бар,

Көгүчкөндүн көптүгү, Сары Чүйдүн ичинде Бөдөнөнүн кени бар. Белгилүү куш безбелдек, Калың экен жеринде.

Кара сууда кашкалдак.

Көк каргасы, күкүгү,

Көрсөң көзү кыпкызыл,

Бабырганы, үкүнү,

Жазгы келген доору,

Канаттуунун үлкөнү,

Кара бүркүт, жоруну,

Ала карга, кузгуну,

Кызыл тумшук сагызган, Кыжылдаган тукуму. Тазкарасы, аксары,

Түн ичинде сайраган,

Алагүүсү, сүтагы,

Жорго тоодак, бактеги, Ар бир урук жаныбар, Илбесиндин көптүгү.

Канаттуунун кырааны

Толуп жатат тоосунда

Тунжур, кумпай, күйкөсү Туйгун менен тынары.

Турумтайы, мыкыйы,

Ителгиде, ылачын,

Жагалмайы, кыргыйы,

Чүйлү менен кушу бар,

Кыябына келтирсе, Кыраан болор шумкары.

Аңыр менен кара каз,

Сазга конгон ызгычы,

Орок тумшук кажыры,

Издегенде табасың,

Ар жандардан баарыны[1].

Акындын санагындагы Чүй жаныбарлары: саратан, саралалуу аары, сайгак, бөгөнөк, бүргө, мийзам, жөргөмүш, бака, ийнелик, көгөн, кундуз, кашкулак, мадыл, кызыл карсак, түлкү, карышкыр, аюу, жолборс, илбирс, чөө, тай сүлөөсүн, суусар, ачкүсөн, коен, элик, марал, бугу, эчки-теке, аркар, кулжа, саржылан, кара курт, чаян, музоо баш, кескелдирик, билерик, чегиртке, жер кирпи, арсчычкан, коңуз, көпөлөк, ташбака, көл бака, суу жылан, кызыл куйрук, сар барпы, ала чыйырчык, суучул кара көк соору, көк жылкычы кучкач, майкөт чымчык, борбаш, каракаш, эрсынар, чил, бөдөнө, безбелдек, кашкалдак, бабырган, үкү, соорусун, кара бүркүт, жору, чакчыгай, аладуңган, эчки маарак, бапылдак, карача торгой, жарганат, боз таркылдак, короолу, тораламай, таранчы, кучкач. Ошентип казалчы Сары Өзөн Чүйдүн 73 жаныбарын атайт жана ал аркылуу бул аймактын флорасынын жалпы өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө аракет кылат.

Демек акындын табияттаануу жаатындагы элдик билими жаныбарлардын аттарын төмөнкүдөй бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет: канаттуулар; жырткычтар; териси баалуу жаныбарлар; адам жей турган (адал) жаныбарлар; жерде-сууда жашоочулар; сойлоочулар; сүт эмүүчүлөр ж.б. Көпчүлүк жаныбардын, же өсүмдүктүн аттарынын алдында анын мүнөздүү белгисин көрсөтөт, мисалы, «катуу кара шилби», «белгилүүдөн безбелдек», «кара сууда кашкалдак», «торала тору кучкачтар» ж.б.

«Канаттуу» деген ырында болсо 76 канаттууга мүнөздөмө берет, алардын ичинде азыр аты анча аталбай калган кара боор, кыл куйруу, ызгыч, эчки маарак, котур эпей, чыйпылдык, каракур, бөк, тели куш, бостек дегендей канаттуулар бар. «Акын канаттууларды күчтүүгө, күчсүзгө, алгырга, тарпчыга, чеченге, ыкчамга, коозго, момунга жана шайырга бөлөт. Канаттуулардын улугу жана дыйканы – бүркүт деп, туйгунду – куштун тунугу деп, үкүнү куштун баёосу деп, кыргыйды – куштун берени деп, тотуну – куштун зыйнаты деп, торгойду – куштун чечени деп, чакчыгайды – куштун куудулу деп, каракурда – куш энөөсү деп, канаттуунун падышасы жалгыз көздүү буудайык деп сүрөттөйт.

Молдо Кылыч «Канаттуу» деген чыгармасын, менин оюмча, тамсил катары жазбай эле өзү «Мен сүйлөймүн көргөндү, сөз маанисин билгенди» деп айткандай Кыргызстандагы канаттуулардын кыял-жоругун, сырткы көрүнүшүн жана алардын мүнөзүн чындык илимий көз караш менен эле жазган», – деп айтат геология-минерология илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов[2].

Молдо Кылыч кыргыз жериндеги өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу билимди кайдан алды? Азыркы илимдин деңгээли да акын атаган кыргыз жергесинин флорасы менен фаунасы тууралуу маалыматтарга ээ эмес го? Ырас, Кылыч молдо болгон, исламий китептерди окуган. Бирок ал китептерде кыргыз жаратылышы тууралуу эч нерсе жазылган эмес да! Андай болсо Молдо Кылычтын таянган билимдери сөзсүз түрдө кыргыз саятчыларынын, мергендеринин, дыйкандарынын, малчыларынын, кыскасы, «тубаса натуралисттеринин» эмпирикалык билимдери жана тажрыйбалары болгон деп айтууга аргасыз болобуз. Мына ошол манасчыларга, Молдо Кылычка окшогон табият таануу боюнча билгич адамдар элдин жаратылыш жана анын жандыктары, өсүмдүктөрү тууралуу түшүнүгүн калыптаган, байыткан.

[1] Молдо Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 81-82-бб.

[2] Осмонбетов К. Молдо Кылыч менен Жеңижоктун казалдарынын сыры [Текст] / К.Осмонбетов. – Б.: Айат, 2004. – 24-25-бб.

ЭЛДИК КАЛЕНДАРЬ. КОСМОГОНИЯЛЫК, АСТРОЛОГИЯЛЫК САЛТТУУ БИЛИМДЕР. ЭЛДИК ЭСЕПЧИЛИК ЖАНА ЖАЙЧЫЛЫК

Элдик эсепчилик билими, же жылдыз саноо илими, эсепчилер, табыркачылар, азыркы термин менен айтканда, астрономиялык же астрологиялык, космогониялык эмпирикалык билимдер кыргыздардын табияттын кучагында, жаратылыш менен гармонияда жашагандыгынан кабар берет. Элдин Жылсанагы, Күнсанагы, Айсанагы, Жылдыз төлгөөсү – бүтүндөй жаратылыш менен, анын ичинде араш (космос) менен байланыштуу болгон жана алардын негизги принциптери табияттан алынган, аны үчүн сары эсеп адамдар жаратылышка, айлана-чөйрөгө көп жылдар бою байкоолорун жүргүзгөн, бул багыттагы элдик билимдерди өздөштүргөн жана аларды өркүндөтүп кийинки муундарга өткөрүп берген.

Кыргыздар Эне-Сай доорунда эле байыркы ханзуча тарыхый маалыматтарга таянганда түрк тилинде сүйлөшкөн тайпалардын ичинен эң алды менен туруктуу календарга ээ болгон[1] жана ошол календары башка түрк жана түрк эмес кошуна тайпалардын календарларынын түзүлүшүнө уютку болуп берген.

Кытайлардын «Тан шу» («Тан дөөлөтүнүн жылнаамасы») деген эмгегинде эне-сайлык кыргыз тайпалары «ай», «айбашы» дегенди жана он эки жылдык мүчөл циклин, төрт мезгилди ажыратарын жазышкан.

Таластан табылган байыркы таш жазууларында «Отуз уул сакчылары маймыл жылынын он алтысында кайгыда калышты» дейт[2][3]. Демек, мында жыл да (Маймыл жылы), күн да (16) так жазылып жатат.

Саймалуу-Таш (Саймалы-Таш) сүрөт-жазууларында элдик календардын белгилери кездешет, анда «Ноорузда кош айдоо» деп шарттуу аталган сүрөттө жана бир топ жерлерде Айдын жана аны караган текелердин, кулжаларын образдары берилген.

Соң-Көлдөгү эч бир таш жок жерде эле туруп калган Манастын Таш-Тулгасы деген эстелик мурасты Ай календарынын 19 жылдык циклин аныктоочу байыркы астрономиялык байкоо жайы деп эсептешет. Ошол эле жердеги Манастын Аккуласынын ат мамысы дегенди күн сааты катары убакытты аныктоодо пайдаланган. Мындай белги Ысык-Көлдүн Тоң районуна караган Ала-Баш айлында да болгондугун эски муундагылар эскерип калат. Анда Кырк чоронун ташы дегенди да убакытты билүүдө колдонушкан. Анда Күндүн жүрүшүн бир таштан экинчи ташка дал келтирип карашкан, кайсыл таш менен дал келсе бул убакыт болот дешкен, же күндүн узарып кеткен чекитин, кыскарып жеткен чекитин ошол таштар менен Күндүн туш келгенинен улам билишкен.

Кыргыз элинде, жеринде Ысык-Көлдөн бугулардан Айманбай уулу Манаке (1830-1914), Кетмен-Төбөдөн Султанаалы казы (1862-1942), Кочкор өрөөнүнөн Эсенбай, АтБашыдан Күчүк, алардан башка да ар кайсыл аймактарда Айтыке, Сүтүке, Калча, Айбаш ж.б. элдик астрономдор, эсепчилер болгондугу айтылып келет. Алар эл тарабынан, же бийлик ээлери тарабынан кадырланып, алардын пикирлери менен эсептешип турган. Уруу башчылары мындай элдик метрологдорду өздөрү менен алып жүргөн, аны биз «Манас» эпосунан да кездештиребиз.

Бул багытта Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ыбрай Абдырахманов, Муса Байгаринов жазган эмгектер белгилүү. С.М.Абрамзон, К.К.Юдахин, Кусейин Карасаев, Касымбек Сейдакматов, Торон Жумаев, Дастан Сарыгулов, Эсенбек Мамбетакунов, Абакир Калыбеков, Алыкул Кененбай уулу, Анарбай Темиркулов, Рыскул Жолдошев ж.б. окумуштуулар элдик календарь боюнча изилдөө жүргүзгөн. Өзгөчө бул багытта шыңжандык кыргыздардан Жусуп Мамай, Султанаалы Борбодой, Эмин Көчкөнбай, Кален Асанакун, Ташполот Токтобек, Анвар Байтур, Макелек Өмүрбай ж.б. инсандар чоң иштерди аткарган.

Ошол эле кезде бул багытта бир катар такталбаган маалыматтар, бири-бири менен чаташкан учурлар бар экендигин айта кетүүгө тийишпиз. Элдик календарды чаташтырбай, үчкө: Жылсанакка, Күнсанакка жана Айсанакка бөлүп караганыбыз бир аз болсо да ылайыктуудан болуп турат.

[1] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б. Бийиктик, 2003. – 155-б.

[2] Жумагулов Ч. Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтер.

[3] -бас. – Б.: 2015. – 16-б.

ЖЫЛСАНАК

Жылдардын циклдешип келери дүйнө элдеринде ар түрдүү каралат. Мисалы, кытай элдик календарында 19 жылдык цикл колдонулса, бир катар элдерде 120 жылдык Юпитер-Сатурн цикли кездешет.

12 жылдык Чыгыш календарындагы жылдар мындай[1]:

Жыл № Жаныбарлар Жылдар
1-жыл Чычкан 1900 1912 1924 1936 1948 1960 1972 1984
2-жыл Бука (Өгүз)

3-жыл      Жолборс

8-жыл Эчки 1907 1919 1931 1943 1955 1967 1979 1991 2003 2015
9-жыл Маймыл 1908 1920 1932 1944 1956 1968 1980 1992 2004 2016
10-жыл Короз (Тоок) 1909 1921 1933 1945 1957 1969 1981 1993 2005 2017
11-жыл Ит 1910 1922 1934 1946 1958 1970 1982 1994 2006 2018

12-жыл Доңуз                                   1911 1923 1935 1947 1959 1971 1983 1995

2007 2019

Чыгыш календарындагы жылдар цикли

Буларды жыл жаныбарларын тандоо кандай ишке ашкан? Беш түс: ак, кара, көк, кызыл, сары жана беш стихия: металл, суу, дарак, от, жер кабыл алынган. Ошон үчүн циклдеги жылдардын да өзгөчөлүктөрү болот, алсак, 1900-жыл, 1960-жыл Ак металл чычкан жылы деп аталат, 1956-жыл, 2016-жыл Кызыл от мыймыл жылы ж.б.

Мына ушул азыр дүйнөгө Чыгыш календары деп тараган элдик календарь Эне-Сай кыргыздары колдонуп келген жана башкалар өздөрүнө сиңирип алган календарь болуп эсептелет. Кыргыздар жанагы беш стихияны улабай эле бир жаныбардын атын айтып, ошону менен чектелет же дагы майдалап бөлүштүрүүсү болсо да бизге жетпей калды.

Кыргыз эли байыртадан он эки жылдык жыл сүрүнүү колдонуп, ошол он эки жылдык алкакта жылдар кандай циклдешип келерине жараша ат берген. Гунндардын курамына кирген көчмөндөр биздин эранын башында эле он эки жылдык мүчөл санагын колдонуп келгендиги белгилүү.

Алардын катары мындай: биринчи жылы – «чычкан»;

экинчиси – «уй»; үчүнчүсү – «барс»; төртүнчүсү – «коён»;

бешинчиси – «улуу» (кытайча «лу» – «ажыдаар»);

алтынчысы – «жылан»; жетинчиси – «жылкы»; сегизинчиси – «кой»; тогузунчусу – «мечин» («маймыл»); онунчусу – «тоок»; он биринчиси – «ит»; он экинчиси – «доңуз» («кара кийик»). Бул жаныбарлар эмне үчүн жыл катары алынган?

Биринчиси, булар эл үчүн ыйык катары эсептелген, ошолорго сыйынган, демек, тотем болгон.

Экинчиси, адамдар өздөрүн ошол тотемдери менен параллель койгон.

Үчүнчүсү, адам мүнөздөрү ар кандай болгондой эле ар кандай мүнөздөгү, кылык-жоруктагы жаныбарлар тандалган.

Төртүнчүсү, жыл катары жаныбарларды тандоодо алардын адал-арамдыгы эске алынган.

Жогорудагы төрт чен-өлчөм менен эле бүтпөгөн дагы башка сырлары бар экендигин да эске алууга тийишпиз. Эмне үчүн мечин, улуу сыяктуу кыргыз жеринде жок жаныбарларды жылга киргизгени да түшүнүксүз.

Бул 12 жылдык циклдин азыр жалпы дүйнөгө тараган календарын карап көрөлү:

2-сүрөт.  Жалпы дүйнөгө тараган он эки жылдык цикл календары

Жуңголук тарыхчы Анвар Байтур жыйнаган маалыматтар боюнча[2] он эки жылдын катар-ирети мындай:

1-таблица Эне-Сай кыргыздарынын жыл аттары (Анвар Байтурдун маалыматы)

катар келиши жыл аттары
1         (жылдын башы)

2         3 4 5 6

7 8 9

10 11

12 (жылдын соңу)

Күскү (Чычкан) Уй

Барс (Жолборс)

Ташкан (Коён)

Элү (Ажыдаар)

Конт (Жылкы)

Жылан

Кой

Бичин (Мечин, Маймыл)

Тагынку (Тоок) Ит

Лазгын (Доңуз)

Кыргыз тилчи Касымбек Сейдакматов жыйнаган маалыматтар боюнча[3] он эки жылдын катар-ирети мындай:

2-таблица.

Кыргыздарынын жыл аттарынын салыштырма таблицасы  (Касымбек Сейдакматовдун маалыматы)

жылдын аты байыркы түркчө  зодиак орусча зодиак кыргызча

зодиак

1 Чычкан Козу Овен Козу
2 Уй Уд Телец Үркөр
3 Барс Эрентир Близнецы Босого
4 Коён Кучык Рак Саратан
5 Улуу Арслан Лев Арстан
6 Жылан Бугдай башы Дева Сумбула
7 Жылкы Үлгү Весы Тараза
8 Кой Чадан Скорпион Чаян
9 Мечин Йа Стрелец Жаа
10 Ит Көнөк Водолей Көнөк
11 Тоок Оглак Козерог Теке
12 Доңуз Балык Рыбы Балык

Элдик эсепчилер жана табиятта көз салган адамдар мына ошол жылдардын ар биринин өзгөчөлүгүн байкашкан. Алсак:

  1. Жыл башы Чычкан – бул эгинге, этке, башка азыктүлүккө зыян алып келет (Чычкан элден талашып эгинтегинди жеп салат эмеспи)
  2. Уй – жакшы жыл, токчулук, жаан-чачын мол болот

(Уй сүт берет, жоош, бир уй бир үй-бүлөнү багат)

  1. Барс (Жолборс) – кышы мээлүүн өтөт, мол, жыргалдуу («Барс жылы баарын чач, эч болбосо таруу чач» дешет)
  2. Коён – мал-жан көбөйөт, төл мол болот (бул жаныбар көп төлдөйт, тез көбөйөт эмеспи)
  3. Улуу (Үлүл, Жаян, Балык, Ажыдаар)
  4. Жылан – жыл бою каатчылык, жай кургакчылык, аптаптуу келет (аптапты сүйгөн жаныбар эмеспи)
  5. Жылкы – бул жылда да каатчылык болот (кыштан, кардан коркпогон, колдон от жебеген жаныбар)
  6. Кой – тынч, береке болот, кыш каардуу эмес, жаанчыл, эгин, тоют мол болушу күтүлөт (кой тез көбөйөт, жоош, ээсине төлүн, жүнүн берет, айдаган жакка кете берет)
  7. Мечин (маймыл) – жай ысык, кургакчыл (ысык, кургак жактарда жашайт)
  8. Тоок – эл, мал-ал көбөйөт (тез көбөйөт, жумурткасы, эти күнүмдүк азыкка жакшы жарайт)
  9. Ит – ызы-чуулуу, ыркырашкан (ал үрүп, жанды койбогон, бири-бири менен талаша берген макулук эмеспи)
  10. Доңуз (кара кийик) – токчулук болот, кыш ызгаардуу, бороон-чапкындуу (арам жаныбар, жегенге болбойт, тоо-ташта, тамыр-самыр жеп жүрө берет).

Көп кылымдар бою элдин жашоосунда ким кимден улуу, же кичүү экендиги, кимдин мүчөл жылы качан экендиги ж.б. адамдын өмүр жашына, тагдырына, эл турмушуна байланыштуу нерселер эсептелинген. Жылдын кандай болуп өткөндүгү жана кандай болорлугу мына ушул жыл сүрүү аркылуу билинген.

Жыл сүргөн кишилер атайын ардакталган, элбашыларды жандай жүргөн. Мисалы, «Манас» эпосунда Семетей ата-тегин, эл-жерин издеп Таласка келгенде аны тааныбай жаткан Бакай мындай дейт:

Токтой тургун кулунум, Эми күн эсебин алайын, Күндү катка салайын. Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын.

Ал эле – чычкан, ал эле – уй,

Ал эле – жылкы, а да – барс,

Ал эле – коён, ал – жылан, Ал эле – тоок, ал – улуу,

Ал эле – мечин, а да – кой,

Ал эле – доңуз, ал эле – ит,

Айкөлдөн калган кулунум,

Өлбөй жүрсө Семетей

Быйыл он экиге толгон кез

(Семетей, БКВ, 385), – деп жыл сүрүп отуруп Семетейдин келер учуру болгондугун аныктап чыгат.

Жыл катарына аттарын коюу үчүн бир топ жаныбарларды суудан коё берип, кимиси биринчи сүзүп чыккандыгы[4], айрым варианттарда Күн чыкканын биринчи көргөндүгү, анда Төөнүн үстүнө чыгып алып Чычкандын Күндү биринчи көргөндүгү, камарабай Ойсул-Ата тукуму он үчүнчү болуп калып, жыл аттарына кирбей калгандыгын тууралуу мифтер бар. Алар эми оозеки баяндар, мунун кандайдыр бир илимий сыяктуу негизи да болушу керек эле, бирок эмне үчүн Чычкан баш болуп, калгандары ушул тартипте коюлуп калгандыгын так аныктоо кыйын.

Бурят этнографы В.В.Цыбульский 12 жылдык зоонимдик календардын проблемасын үч өңүттөн карайт: анын пайда болгон жери; пайда болгон мезгили; жаныбарлар менен байланыштырылышы. Мунун ичинен эң эле табышмактуусу жана кызыктуусу «жаныбарлар» цикли деп эсептейт[5].

Бизге жакын калк алтайлыктар болуп, алар жылсанагын «дъыл» дешет (сахалар жаңы жылда келген Аяз Атаны ушинтип аташат).

Алтайлар жакшы жылдар, жакшы эмес жылдар деп да ажыратып карайт. Албетте, жакшы эмес жылдарда климат катаал болуп, мал-жан көп чыгаша тартат. Алтайда жыл аттары мындай тартипте кетет: Чычкан 3-сүрөт. Алтай жылнаамасы (Чыган), Уй (уй же инек), Барс (бар), Коён, Ажыдаар (Улуу), Жылан (Дьылан), Ат, Кой, Жетиген жылдызынын же дарактын жанында турган Адам (Мечин), Тоок (Такаа), Ит (Ийт), Доңур (Какай). Дал ушул жылнаамасын алтайлар жыгачка чегип жасайт же кагазга тартат, ортосуна ташбаканын сүрөтүн орнотот.

Алтайлар адамдын өмүр жашын ар түрдүү нерселерге, алардын ичинде жаныбарларга салыштырат: 10 жаш – иттей; 20 жаш – тыйын чычкандай; 30 жаш – карышкырдай; 40 жаш – түптүз, олуттуу; 50 жаш – тик турган айкелдей; 60 жаш – таяктай; 70 жаш – таканчык таяктай; 80 жаш – аралаштыргычтай;

4-сүрөт. Алтай жылнаамасынын 100 жаш – жумурткадай.

 

Алардын дагы мындай ишенимдери бар: кайсыл жаныбардын жылында туулсаң, ага аңчылык кыла албайсың, себеби жамандык келет. Адам үчүн 13, 25 жана 37 жаш өзгөчө кооптуу, ошол мезгилде этият болуш керек, ал эми 37 жаштан кийин коркунуч кетет.

Кыргыздар жаратылыш да, табият да ушул циклдей он эки жылда бир айланып, кандайдыр бир деңгээлде кайталанып тургандыгын билген сыяктанат, мисалы, быйыл жылан жылында каатчылык, ачарчылык болсо, ошол кайра он эки жылдан кийин кайталанып келиши менен окшоштуктар болот дешкен. Ошого карата мүчөл жылдар сүрүлөт. «Мүчөл» деген сөз «мүчө» деген менен байланышкансыйт, адамдын да, жаныбарлардын да негизги он эки мүчөсү бар, жылдар да он эки. Адам кайсыл жылда туулса, анын ошол жаныбарга окшоштугун да байкашкан. Бирок бул чоң сыр, түшүнүп болбой турган кубулуш. Негизи туулган жыл мүчөл жыл болбойт, себеби жыл он эки, а баланын биринчи жылы «нөл» болот да, бир жаштан баштап эсептелет, ошондо он үчкө чыкканда биринчи мүчөлү делет да, кийин он эки жылдан кошулуп кете берет.

Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь боюнча берилиши төмөнкүдөй;

Чычкан: 1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008

Уй: 1925,  1937,  1949,  1961,  1973,  1985,  1997, 2009

Барс (Жолборс): 1926,  1938,  1950,  1962, 1974, 1986, 1998, 2010 Коён: 1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011

Балык (Улуу): 1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012

Жылан: 1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013

Жылкы: 1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014

Кой: 1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015

Мечин (маймыл): 1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016

Тоок: 1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017

Ит: 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018

Доңуз (Кара кийик): 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019 ж.б.

Адамды ушул жылсанак менен мүчөлдөргө бөлгөн. Мүчөл жылдар кайталанып келип турган. Алар: биринчиси – 13 жаш, андан ары 25 жашка кадам таштаганда – эки  мүчөлү, 37 жашы – үч мүчөлү, 49 жашы – төрт мүчөлү, 61 жашы – беш мүчөлү, 73 жашы – алты  мүчөлү, 85 жашы – жети мүчөлү, 97 жашы – сегиз мүчөлү ж.б. Муну башкача эсептеген варианттар да бар.

Токтогул районунун Үч-Терек айлынын жашоочусу Анарбай Темиркуловдун эсептөөсү боюнча жыл 17-марттан башталып, кийинки жылы 16-мартта аяктайт[6]. Буга караганда азыр биз 1-январдагы Жаңы жылдан мүчөл жылым келди деп ырымдарын кылып жатпайбызбы, бул туура эмес.

Мүчөл жылдарын колдонуу, жылсанагы – кыргыз элинин билим чектеринин бири болгон жана ал нерсе эл турмушунда ушул бүгүнкү күнгө чейин кеңири колдонулуп келет. Мисалы, жалпы дүйнөлүк календарь боюнча 1941-жыл деп айтылса, кыргыз жылсанагында Жылан жылы делет, анда апаат, каатчылык, ачарчылык болуп өтүүгө тийиш. Ушул жылы совет эли үчүн Улуу Ата мекендик согуш башталган.

[1]  http://calendar.yoip.ru/china-years-calendar.html

[2] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б.: Бийиктик, 2003. – 156-б.

[3] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 15-б.

[4] Кашкари М. Девони лугат ит түрк. 1-т. – Ташкент, 1960. – 330-332-бб.

[5] http://student.zoomru.ru/isk/sohranenie-i-razvitie-prazdnichnoobryadovoj- kultury/275331.3144484.s5.html

[6] Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 14-б.

 

КҮНСАНАК

Күн – асмандагы эң жарык жана башка планеталарды өзүнө айландырган эң ири тело болуу менен анын көктүн бир жагынан – Чыгышынан Батышына жылышы, таң эрте чыгышы жана кечинде батышы, Жерге жылуулук чачышы кыргыздардын жашоосунда Күнсанагын жүргүзүүнү шарттаган. Элдик салттуу билимдерде Күндүн орду өзгөчө болгон. Бул тууралуу Кадыркул Даутов азыркы илимден түшүнүк албаган, көзү да көрбөгөн Барпы апыздын чыгармачылыгы, тагыраагы анын «Күн» деген ыры тууралуу мындай ой жүгүртөт: «Күндү кошуп ырдаган, көp Баpпы ыpчы жаңылбайт» – деп айткан экен чыгармачылык тагдырын алдын ала көрө билген даанышман акын. Анын чындыгын бул күндө көркөм сын, адабият таануу гана эмес, философия менен табигый илимдер (естественные науки) да далилдеп жатат. Бул жерде мен биофизика илимдеринин кандидаты Али-Аскар Байбосуновдун «Барпынын чыгармаларындагы космологиялык ой жүгүртүүлөр» аттуу кызыктуу жазылган макаласын айтып отурам. Муну Барпынын албан кырдуу алп талантын ачууга салым кошкон эмгек катары баалоого тийишпиз. «Революцияга чейин элде физикалык терминдер белгисиз болгондуктан өтө эле зор энергия бөлүп турчу Күндү «күчтүү от» менен салыштырган (Барпынын «Күндүн нуру белгилүү күчтүү оттон жаралган» деген саптарын айтып жатат – К.Д.), башкача түшүндүргөндө күчтүү оттун жалынынан артык ысыктык болууга мүмкүн эмес эле. Акындын бул түшүнүктөрүнүн, ой жүгүртүүлөрүнүн тууралыгы астрофизикалык ачылыштар менен да далилденип турат».  … «Тагыраак айтканда, материалисттик диалектиканын жолдорун стихиялык түрдө туюу менен илим дүйнөсүндө ачылган фактыларды алдын ала көрө алган дешке болот»[1].

Биофизик-окумуштуу биз токтолуп өткөн Барпынын «Күн» деген санаты тууралуу дал ушинтип жазат.

Акындын космологиялык ой жүгүртүүлөрү (сөз азыр Күн жөнүндө) кандай туура экендигин табигый илимдин так жолу менен аныктап, жалпылагандан кийин чыгарган жыйынтыгы. Улуу чыгарманын улуулугу көп кырдуулугу менен көп маанилүүлүгүндө, идеянын түбөлүктүүлүгүндө, мазмун менен форманын шайкелишинде. Анын жаралышы көркөм өнүгүштүн өзүнчө бир жаңы доорун түзөт. Ырчылар поэзиясындагы мына ушундай жаңы доорду мүнөздөп, аныктаган чыгармаларга сөзсүз түрдө Барпынын ушул улуу Күн башында турган Аалам курулушу жөнүндөгү санаттар циклдери да кирет…

…Эмне үчүн акын күндү биринчи коюп жатат? Мунун чындыгын аздан соң, «Төгөрөктүн топугу – төрт такылет эмеспи, Асман, Жердин арасы – көрк акыбет эмеспи» кайсыны билдирерин атайын өз катары, өз орду менен тизмелеп алып бир-бирден ачып киргенде дагы конкрет көрөсүң («Жерге» жеткенде). Күн ушул саналып өткөн Аалам курулушун кармап турат делчү негизги төрт элементтин баарынан күчтүү, баарынан бийикте, баарына нур жиберет, өмүр берет.

Анын улуулугу ушунча, өзүнүн күн системасын түзүп турат, гравитациялык таасирин тийгизген асман телолору айланасында жылып жүрүшөт. Жөнөкөйлөтүп азыркыча түшүндүргөндө ал системага Күндүн өзү баш болуп канча планеталар, планет-спутниктер, кометалар, метеор телолору, космикалык чаңызгыттар карашат эмеспи. Жер да түздөн-түз ушул алкактын ичинде жашайт, Күндөн жарыкчылык көрөт, азык алат, көрктөнөт, тагдыры байлануу. Түп чындыгы ушул экен: «Күн болбосо көрбөйсүң жарык дүйнө шаңыны». …»Күн нурундай касиет издеген менен табылбайт. Бардыгына Күн себеп, Күнсүз дүйнө жаңырбайт». Бул саптар азырынча абстрактуу көрүнгөнү менен, тереңинде реалдуу чындыктын негиздерин алып жүрүшөт. Али философиялык категориянын аныктамасына, илимий терминге түшүрүлө элек ойлор ошол кездин аң-сезим табиятына жараша – жөнөкөй сөз, жөнөкөй туюнтуу ыкмалары аркылуу жеткирилип жатат. Бөлөкчө болбойт да, чечмеленбейт да болчу.

Анткени, бар дарамат, реалдуу мүмкүнчүлүк ошол эле. Жогорку даражадагы астрофизикалык телескоптор жана жаңы табылган илимий-техникалык күчтүү аппараттар менен кеңири жабдылган профессионал адистик изилдөөлөр гана күн жөнүндө жалпы түшүнүктөн чыгып, жалпы бүтүндүктү айтуудан анын курулуш табиятын: ички, тышкы тутумдун ар бир бөлүгүн, ар бир катмарын, ар бир сызыгын жеке-жекеден да, чогуусунан да териштире карап, конкрет белгилерин аныктап, татаал сырларын тактап ачып көрсөтүп бералат.

Кийинки учурларда колдонулуп жаткан Күнтелескоп, күншакек аттуу өзгөчө приборлор болбосо, анда маал-маал күтүүсүз-күтүлүү жүрүп турчу оттуу шамал, магнетизм, радиация, ысыктын жарылып турушу, өтө активдешкен кездери, солнечный удар делчү күчтөр менен күнкоронасы, күнтагы аталган бөлүмдөрдүн кайсынысында кандай өзгөрүштөр жүрүп жатканын кантип жана кайдан билишмек? Талаш жок, булардын Европа, Америка тараптарда ошол кездерде, же алда канча мурда эле болгону илимде маалым эмеспи.

Барпы атайын адистештирилген окумуштуу эмес. Ньютон, Кеплер, Галилейдин Күн системасын, асман телолорун изилдей турган телескоптору менен азыркынын атактуу астрофизиги В.Амбарцумян урунган илимий-техникалык курал-жабдыктардын бир атын да билбей өткөн. Ал Күндүн көлөмү канча, салмагы канча, курамында эмнелер бар, саатына канча чакырым тездик менен айланууда баратканын эсептеп, ченеп, өлчөп бербейт. Жандуу, жансыздын баарына өмүр берип, көрк берип, ак, караны ылгабай телегейге тегиз нурун төгүп турган касиеттүү улуулугун даңазалоодо. Адистик кырынан карасаң, табият өтө марттык менен тартуулаган сергек интуициясы, күчтүү логикасы, тубаса аналитик акыл жөндөмү канчалык алга сүрөбөсүн, Аалам сырларын аныктап билүүгө канчалык тажрыйба топтобосун, баары жаңы аң-сезим баскычына көтөрүлүп, керектүү илимий-техникалык аппараттар менен гана ачып чыкчу «Күн нурундай касиет (физикалык табияты – К.Д.) издеген менен табылбайт»[2].

Мына ушул Барпыдай «сергек интуициясы, күчтүү логикасы, тубаса аналитик акыл жөндөмү» бар кыргыздардан чыккан кишилер Күндү ааламдын борборуна койгон жана Күнсанагын ойлоп таап, жашоосунда кеңири колдонгон. Алар үчүн Күн нуру да, Күндүн бир орунда жылбай турушу да, башка майда-чоң асман телолорун аны айланып жүрүшү да кандайдыр бир деңгээлде эмпирикалык формада болсо да түшүнүктүү болгон сыяктанат, анын жылышын (негизи Күн жылбайт, Жер аны айланып жылат), Жерге нур чачышын убакытты өлчөө үчүн пайдаланган.

Айталык, Манеке эсепчи (1830-1917) жаңы чыккан күндүн шооласы кереге-ууктардын кайсыл жерине кандайча тийгендигине карап күн менен түндүн теңелгенин, биринен бири узарганын, кыскарганын, токтолгонун так айтып бере алчу экен[3]. Кетмен-Төбөдө жашап өткөн Султанаалы казы (1869-1942) күн чыгышты каратып тиккен боз үйүнүн босого тарабына бийик мамы орнотуп, көлөкөсүнө таш белги койгон да күн жылсанагын жүргүзгөн. Ал мезгилдин өтүп жатканын жипке тизилген чүкөлөр менен эсептеген. Ал эми Кочкордон ыман саяктан чыккан Ырай эсепчи Үркөр чыккандан баштап, тогоолдон тогоолго чейин күндө баштыкка бирден коргол салып турган, кийинки толгонго чейин 28 күн өтүп баштыкты бууп илип койгон. Бир жыл ичинде ар бири 28 корголдон турган 13 баштыкка толгон. Бул эсептөө боюнча тогоолдон тогоолго чейин 28 күн өтөрүн, жыл ичинде 13 толук тогоол жана (28х13)+1=365 күн болорун далилдеген[4].

«Өздөрү жашаган тоолорду, ак боз үйдүн түндүгүн «күн өлчөгүч телескоп» катары пайдалана билген. – деп жазат Макелек Өмүрбай[5] тоолук кыргыздар тууралуу. – Мында, күндүн узараар, узарып токтош айларын, күндүн эң кыска айларын, күндүн кыскарып токтош айларын эч кандай аспаптык өлчөөлөргө көз карандысыз эле эсептеп чыга ала турган жагдай эл ичинде ушул күнгөче бар эле эмес, жалпылык катары бир болуп турган кези.

Күн эсепчилигинде, биринчиден, күндүн тийиш мерчемдерине карай эсеп чыгарган. Бир күндүк маалдарды батыш жагындагы тоого күн чалуусун карап туруп, күн тоо-тоонун башына чалганда, күн тоонун капталына түшкөндө, күн сайга түшкөндө, күн төбөгө келгенин (түш болгонун) эсептеп билген. Экинчиден, көлөкөнүн түшүүсүнө карай эсеп чыгарышкан. Түш оогондо чыгыштагы тоолордон ала көлөкө самсаалаганда, адам жана заттардын көлөкөсүнүн кейпине (эрте менен узун көлөкө сол жакта, түштө кыска көлөкө как аркада, түштөн кийин көлөкө оң жак капталда) байкоо салуу сыяктуу көлөкөгө карай күнүмдүк маалды байкап, күндөлүк убакытты саат урунбай туруп так биле алышкан. Ал ак боз үйдү өтө өлчөмдүү күн эсептөө куралы кылышкан. Ар бир ак боз үйдүн чамгарагы телескоптук кызматты аткарган. Түндүктөн түшкөн күндүн ордуна карай кайсы маал болгонун билишкен.

Кыргыздар ак боз үйүнүн эшигин ар дайым чыгышты каратып тигишет да, күн чыгыштан чыкканда, түндүктөн түшкөн күн эшиктин кыйгач каршысы, ак боз үйдүн эр жак капшыты жактагы ууктун башына чачырап түшөт, аны күн тийген маал атайт; андан күн ылдыйлап түшүп керегенин башына келет, аны козу түш маалы атайт; ошондон күн жерге, үйдүн ичине түшүп, төр жакты бойлой жылат, төрдүн как ортосуна түндүктүн күнү түшкөндө, чак түш маалы атайт; андан ашкананы көздөй жылып, ашкананын оозуна келгенде эрте бешим маалы болот.

Айтор, ошол жүрүш менен эпчи жактын керегесине жармашып, уугунда башынан күн олтуруп кетет. Мындайча айтканда, эр жак капталдан түшкөн күн эпчи жак капталдан чыгып кетүүсүндөгү жылыш ордун ар бир саат маалы катары эсептеп биле алышат. Мында, күндүн батыш тоо кыркасына отуруу ордун бир нокотко белгилеп, күндө ал нокотко жетпей отурганына карай канчалыктан кыскарып же узарып бара жаткан мерчемин белгилейт. Ал күндүн узарып-кыскаруусун ак боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күндүн орду менен белгилөө ыкмасы да көп билимдерди чогулткан. Күндүн эң узун болгону эр жак жабыктан түшкөн күн эпчи жакка жылганда, коломтону кечип өтүүсүн белги кылган. Коломтону кечип өтмө күн теке айынын 20-күнүнө туура келип, күндүн узарып токтогон кези экенин билишет. Ошондон кийин күн сайын түндүктөн түшкөн күн коломтого жетпей, төр жакка жылып бара жатканын күн улам кыскара баштады деп билишет. Күндүн эң кыска кези бештин айынын 15 караңгысы, «токту тойбос, чөмүч кургабас маалы» болуп, анда күн эр жак жабыктан түшүп, жүктү бойлой, коломтодон алда канча алыс эпчи жактан олтуруп кете бергенине баам салышкан.

Мына ошентип, кыргыздар ак боз үйдү жер шары катары пайдаланып, күндүн түндүк жарым шарга оошуусун ак боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күн коломтого келип кайтуусун мерчем кылып белгилешкен. Күндүн аракетине карай бир күндүк, айлык жана жылдык эсепти билүү кыргыздын айтылуу сары эсеп кишилерине гана таандык эмес, эр-аял бардык эле адамдардын жөнөкөй сабаты катары жалпылашкан».

Мына ушул «боз үй сааты» адамдардын малдарын маал-маалы менен сугарып, от салып, жем берип, бээ саап, ж.б. иштерди кылып, ырааттуу кароосуна, балдарын эмизип, тамак берип, тургузуп, уктатып, таза абага чыгарып багуусуна, бири-бири менен бир маалды белгилеп жолугушууга чыгуусуна, салбурундап мергенчиликке жөнөөсүндө ж.б. тиричилигинде чоң пайда келтирген, дээрлик эрезеге жеткен балдардан тартып баары эле өздөштүргөн жөнөкөй билимдер болгон. «Боз үй саатын» «бузуп албоо» үчүн алардын боз үйлөрү сөзсүз түрдө күн тийген жерге, оозу чыгыш жакты каратып тигилген.

Абакир Калыбеков «Чыгыш күн жылсанагы» деген макаласында[6] мындай деп жазат: «Кыргыздар жылды 365 күн деп эсептеп, ар бири 91 күндөн болгон 4 мезгилге бөлгөн. Калдык калган 1 күндү (20-март) «таразанын күнү» же «нооруз» деп атап, күн эсебине кошулган эмес. «Манас» дастанында «Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда» деген саптар менен жылсанактын кайсы күнү экендигин аныктап турат. Эки миң жыл илгери күн менен түн теңелгенде Тараза жылдыз таң алдында батып кеткен. «Таразанын күнү» аталыш да ушул астрономиялык кубулушка байланыштуу аныкталган».

Андан ары ал Султанаалы казынын обсерваториясынын схемасын төмөнкүдөй чийим менен көрсөтөт:

Күндүн чыгышы 21.03; 21.09

Күндүн чыгышы

22.06

22.12

Чак түш

Күндүн батышы 22.06

Күндүн батышы

21.03; 21.09 22.12

 

Бул чиймеде көрсөтүлгөндөй күнсанакчылар мамы кагып, ошонун көлөкөсү менен мезгилди аныкташкан. Күн тийбеген, күн бүркөө учурда мезгилди кандай аныкташкан деген суроо да коюлбай койбойт. Анын да бир жолу болгонсуйт, бирок бизде так маалымат жок.

Ал эми А.Темиркулов Жердин Күндү толук айланып чыгуусу 365 сутка, 5 саат, 48 минут, 46 секунд. Кыргызстанда 365 сутка 6 саат деп көрсөтөт[7].

Кыргыз эли, азыркыча айтканда, бир сутканы 34 бөлүккө бөлүп аташкан:

Таң аткан кездер: сопу садык; таң каракчы; таң дүмпөйүү; таң куланөөк; ак саар; таң кылаюу; таң аппак атуу; короз кыйкырган учур; азан учуру; даарат учуру; багымдат намазы учуру.

Күн чыккан кездер: күндүн мурду канаган; күн тоо башына тийген; күн чыккан; күн текши тийген; күн көтөрүлгөн.

Шашке;

Улуу шашке;

Күн аркан бою көтөрүлгөн;

Жалган түш;

Чын түш;

Күн так төбөдөн тийген учур;

Сарт бешим;

Кыргыз бешим;

Чоң бешим;

Кеч бешим;

Ала көлөкө түшкөн кез;

Намаздигер;

Дигер;

Күн батаар учур;

Намазшам;

Көз байланган кез;

Ак шам;

Үрүүл-бүрүүл;

Намазкуптан;

Эки куптан;

Тамак ичээр;

Мал байлаар;

Мейман чыгаар;

Жатаар;

Эл текши жаткан учур;

Уйкуга кирээр учур;

Эл текши уктаганда;

Оор уйкунун ортосунда;

Жылдыз толгон учур;

Түн;

Түн бышкан кез;

Түн ортосу;

Түн ооган кез;

Үркөр көрүнгөн учур;

Үркөр көтөрүлгөн учур;

Үркөр баткан учур;

Тараза жылдыз баткан учур;

Чолпон жылдыз чыккан учур; Таң заары;

Апак-шапак ж.б.

«Манас» эпосунда мезгил-маал түшүнүктөрү төмөнкүдөй берилген учурларды кездештиребиз:

Эртеңки таң атканда,

Супа садык чалганда (СО, 3, 224)

Шашкеде келип урушуп,

Түш эңкейген чагы бар (СО, 3, 88)

Кечээ айдаган кечинде (СО, 3, 57)

Бүгүнкү бешим кезинде (СО, 3, 57)

Дигерден мурун кечинде

Кечки бешим кезинде (СО, 3, 397)

Кечинде жолго салганы,

Шамда кирип барганы (СО, 3, 36)

Куптан маалы болгондо (СО, 3, 136)

Түн ортосу болуптур,

Жыбырап жылдыз толуптур (СО, 3, 25).

Мында кыргыздардын убакыт түшүнүгү биринчиден, асмандагы Күндүн жана жылдыздардын жылуу абалы менен; экинчиден, намаз убактылары (бешим, дигер, куптан) менен өлчөнүп жатат.

VII-VIII кылымга таандык Орхон-Эне-Сай жазууларына кирген Күлтегинге арналган эстеликтин чоң жазуусунда мүчөл жылдарга байланыштуу даталар жазылган учурлар кездешет, мисалы, Күлтегин Кой жылынын 17-күнү каза болгондугу ташка чегилген.

Мына ушул мүчөл жыл санак азыркы күнгө чейин кеңири колдонулуп келди. Ырас, арасында башка жылсанактар да пайдаланылды.

Ноокаттык 1884-жылы туулган Мырзалы Мадраимов айткан маалымат КР УИАнын кол жазмалар фондунда (инв. №5166, папке №1, 17-18-беттер) сакталып тургандыгын А.Калыбеков белгилейт[8]. Анда жыл төрт мезгилге бөлүнгөн:

Жаз: амал (март), соор, жаваза.

Жай: сары атан, асат, сүмбүлө.

Күз: мыйзам, акраб, каве.

Кыш: жады (декабрь), далвы, хут.

Кыргыздар жылды 365 күн деп эсептеп, ар бири 91 күндөн болгон 4 мезгилге бөлгөн. Калдык калган бир күндү (15-март) «таразанын күнү» же «нооруз» деп атап, жыл эсебине кошулган эмес, 16-март жаңы жылдын биринчи күнү деп эсептелген.

Жогорудагы М.Мадраимов Жакынкы Чыгыш элдеринен тажиктер жана өзбектер аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн жана бир убакта кеңири колдонулган жылсанак тууралуу айтып жатат. Мына ошондо бир күн жыл эсебине кошулбай ашып калып жатат, ал куду тараза сыяктуу тең салмакты кармап тургандыктан «Таразанын күнү» деп аташкан.

[1] Байбосунов А. Барпынын чыгармачылыгындагы космогониялык ой жүгүртүүлөр // Кыргызстан маданияты. – 1978. – 18-январь

[2] Даутов К. Албан кырдуу, алп акындын дүйнөсү. – Б.: «Басма-тамга»,  2003. – 144-146-бб.

[3] Казакбаев М.Ы. Астроном жана касиеттүү Манаке. – Б.: 1996. – 70-б.

[4] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 41-б.; Калыбеков А. Султанаалы казынын обсерваториясы // Кыргыз Руху. 7-13-октябрь

[5] Өмүрбай М. Кыргыз ай эсепчилиги // Ала-Тоо. – 2015. – №3, март. – 143-144-бб.

[6] Калыбеков А. Чыгыш күн жылсанагы // http://www. university.kg/index .

[7] Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 12-б.

[8] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 59-б.

 

АЙСАНАК

Азыркы күнгө чейин тоодо чоңойгон кыргыз балдар Ай тууган учурду карашат, күтүшөт, Айдын канчасы экендигине өзгөчө маани беришет, Ай толгондо эски оорулар козголот деп өздөрүн этият кармашат, жаңы тууган Айды көрүп бул ай кандай болорун боолголошот. Чалкалап көрүнсө, жаанчыл, тик болсо, кургакчыл болот дешет. Үркөр же Сары жылдыз менен Ай тогошкон учурда тогол болот деп, ал учурда мал-жанын этият кармашкан, көчүпконууну ошол убакка чейин бир жаңсыл кылып алган, же тогол өтүшүн күткөн, эгин эгүү, сугат жүргүзүү, тойаш кылуу, малды жайытка айдоо, төл, мергенчиликке салбурундап чыгуу ж.б. иштер ал мезгилде аткарылбай турган. Ай арасы – кооптуу учур.

Аба ырайын ар түрдүү аймактагылар жер шартына ылайык болгоолошкон, же табырка кылган, мисалы, Таластын Талды-Булак айылындагылар Шумкар-Уянын башын булут басса, жаан жаайт дешсе, Ноокат районунун Котур-Булак айылындагылар Алтын-Казык тоосунун кары кеткенде буудай бышат деп орокту башташкан. Эл арасында жылдыздарга, Айга, булуттарга, жан-жаныбарларга, шамалга карап аба ырайынын алдын ала айткан элдик эсепчилер болгондугу, алар элди, малды далай жаратылыштан келүүчү алаамат кырсыктардан, жуттардан аман алып калгандыгы, тоодогуларды чөлгө же башка ыктуу жерлерге көчүрүшкөндүгү айтылат.

Элдик астролог Торон Жумаев кыргыз элинин календарын чыгарды, ал тоголдорго негизделди. Ал элдик «айга карап, айдап сеп» деген накыл кепке таянып, түшүмүн тамырынан берүүчү үрөндөрдү: жержаңгак, сабиз, кызылча, пияз, картошка жана башкаларды качан гана асмандагы айдын он беши болуп, толук толуп, андан ары кичирейе баштаган күндөн тартып себиш керек, ал эми түшүмүн тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү үрөндөрдү, маселен, коон, дарбыз, ашкабак, помидор, бадыраң жана башкаларды асмандагы ай жаңыдан жаңыргандан баштап себе бериш керек экенин түшүндүрүп берди[1]. Ал киши 1931-жылдын 2025-жылга чейинки ар бир жылдын качан башталып, качан бүтөрүн эсептеп чыгат, мисалы, азыркы Маймыл жылы 2016-жылдын 8-февралынан башталып, 2017-жылдын 27-январында аяктайт, Тоок жылы 2017-жылдын 28-январынан башталып, 2018-жылдын 15-февралында аяктайт, андан ары, мисалы, Жылан жылы 2025-жылдын 10-январында башталып, 2026-жылдын 16-февралында аяктайт. Эсепчи бир жылда 364, 365, 384, 385 күн болорун санап чыгат[2].

Кыргыздар элдик жылнаамасын колдонуп келген жана алардын көбүнө жаныбарлардын атын берген. «Кыргыздардын элдик жылсанагында кийиктердин аты менен аталышы байыркылыгын гана далилдебестен, экологиялык мааниге ээ болгон дүйнөдөгү бирден бир календарь экендигин көрсөтөт» (А.Калыбеков)[3]. Бир катар элдик оозеки чыгармаларда жапайы кийиктердин койдой жайылып жүргөндүгү айтылат, демек, байыркы учурда кийиктер менен адамдар бири-бирине жакын болуп, кийиктер адамдарды эш тутуп, адамдар болсо кийиктерди керегинче гана пайдаланып жашаган деп айтууга негиз бар. Мунун бир мисалы, элдик календардагы ай аттарында жапайы кийиктерин колдонулушу болуп эсептелет.

Анвар Байтур жыйнаган маалыматтар боюнча[4] он эки айдын катар-ирети мындай:

3-таблица.

Эне-Сай кыргыздарынын ай аттары

(Анвар Байтурдун маалыматы)

катар келиши ай аттары
1-ай

2-ай 3-ай 4-ай 5-ай

6-ай

7-ай 8-ай 9-ай

10-ай

11-ай

12-ай

Баш ай (Жаңы ай, Нооруз ай)

Көрүк ай

Күкүк ай

Чилде ай

Сарыча ай

Кыргүйө ай

Мизам ай

Карача ай

Казак ай (Согум ай)

Каңтар ай

Акпан ай (Кара ай)

Чал ай (Соң ай)

4-таблица.

Кыргыздар колдонгон календарлар

(Асыкбек Оморовдун маалыматы)

Байыркы учурдагы ай аттары Орто кылымдардагы ай аттары Азыркы ай аттары
1 Күкүк ай Жалган куран Март
2 Чилде ай Чын куран Апрель
3 Сарыча ай Бугу Май
4 Кыркүйөк ай Кулжа Июнь
5 Мизам ай Теке Июль
6 Карача ай Баш оона Август
7 Казан (согуш) Аяк оона Сентябрь
8 Канжар ай Тогуздун айы Октябрь
9 Акпаң ай Жетинин айы Ноябрь
10 Чил ай Бештин айы Декабрь
11 Баш ай Үчтүн айы Январь
12 Корук ай Бирдин айы Февраль

Жогоруда жазуучу Асыкбек Оморов келтирген таблицадан[5] көрүнүп тургандай, кыргыз эли өздөрү менен жанаша жашаган жаныбарлардын кыймыл-аракеттерин, жашоо-тиричиликтерин кылдат изилдеп туруп, анан алардын аттарын айларга ыйгарган. Мунун өзү кыргыздардын жан-жаныбарларды натуралисттерче байкагандыгын, алардын жүрүш-турмушу, мүнөз-куйу менен адамдарды, мезгилдерди салыштыра билгендигин, салыштырма ой жүгүртүүлөрүнүн күчтүүлүгүн тастыктайт. Мисалы, азыркы эсеп боюнча 21-июндан 20-июлга чейинки мезгилде саратан айы дешет, бул айдын аты ушул абдан ысык мезгилде учуп чыгуучу жана сайроочу чоң коңуздун аты менен аталып калган. Азыр да эл бул учурду саратан атайт: эгин, чөп бышат, жаңы урулган жерпайды, дубалдарды саратан жедирет, ушул кездеги суу эгинге жагымдуу болот.   Жогорудагыдай ай аттары казактарда бир кыйла аралаш сакталып калган учурлар байкалат: март (наурыз), апрель (кокек), май (мамыр), июнь (маусым), июль (шiлде), август (тамыз), сентябрь (кыркуйек), октябрь (казан), ноябрь (караша), декабрь (желтоксан), январь (кантар), февраль (акпан).

Кыргыздар «Беш тогол болбой бел чечпейт» дейт, болжолу, 22-27-марттарда кыш жана жаз алмашып, сары кар түшөт, ошондон кийин жердин тоңу кетип, эгин эгүүгө жол ачылат дешет. Асмандан куйруктуу сары жылдыз же 40 жылда бир, же 70 жылда бир көрүнөт, ошол көрүнсө, же ачарчылык, же каатчылык, же согуш болорун тажрыйбаларынан байкаган.

Азыр кыргыздардын Айсанагындагы үч чоң башаламандыкты тактоо зарыл.

Биринчиси – учурда колдонулуп жаткан эл аралык календарда кабыл алынган ай аттары менен кыргыздардын Айсанагындагы айлардын дал келбеши, мисалы, февраль айы 1-февралдан 28-февралга чейин, биз муну Жалган куран деп гана коёбуз. Чынында Жалган куран ошол жылы 1-февралдан башталбай калышы мүмкүн. Айсанактагы айлар асмандагы Ай туугандан баштап эсептелет, б.а., Жалган куран айынын Айы 1-февралда туубай калышы мүмкүн. Андыктан эски Айсанакты колдонууда азыркы январь, февраль менен дал келтиребиз дебей, аларды унутуп коюшубуз керек да, асманды – Айдын канчасы экенин, жаңырдыбы, толуп баратабы, кемип баратабы, ошону карашыбыз керек. Бул негизги маселе жана андай кылбоо чоң жаңылыштык.

Экинчиси – Ноорузду жыл ажыраш, жыл башы деп, анын датасы катары 22-мартты көрсөтүп, ошондон Айсанакты баштаганыбыз да туура эмес, себеби бардык эле жылдарда 22-мартта Ай жаңыра бербейт, Айсанак Ай жаңырган күндөн гана башталып эсептелет. Т.Жумаев да кыргыз элинин жаңы жылы 21-мартта ноорузда болот деген түшүнүк туура эместигин, себеби, нооруздун календары кыргыздарда болгон эместигин, аны байыркы ирандыктар колдонгондугун, кыргыздар мурун Ай, Мүчөл жылдарынын жана кийинки мезгилде Григориан календарын колдонуп келе жатышканын жазат[6]

Үчүнчүсү – Айсанакта кайсыл ай жыл башы болот деген маселе. Бул багытта да чаташуулар бир кыйла.

Төртүнчүсү – Айсанак (Ай календары) менен Күнсанакты (Күн календары) аралаштырып алганыбыз (Айсанакта жыл он күндөй аз болот). Муну так ажырата турган нерсе – биз жашаган Жер планетасы Күндү 364 күндө бир жолу айланып чыгат, демек, бул бир жыл. Ал эми Жердин жандоочусу Ай Жерди 354 күндө бир жолу айланып чыгат, демек, Айсанак боюнча бул да бир жыл. Мына ушул нерсе так ажыратылышы зарыл.

Биз эми айрым Айсанакчылардын жана аалымдардын классификациясын карап көрөлү.

5-таблица. Айсанак (Султаналы Борбодойдун варианты)

Ай катары (кыргызча) Кыргызча айсанак Эл аралык айнаама (Григориан календары) катары
1-ай Жалган куран Февраль 2-ай
2-ай Чын куран Март 3-ай
3-ай Бугу Апрель 4-ай
4-ай Кулжа Май 5-ай
5-ай Теке Июнь 6-ай
6-ай Баш оона Июль 7-ай
7-ай Аяк оона Август 8-ай
8-ай Тогуздун айы Сентябрь 9-ай
9-ай Жетинин айы Октябрь 10-ай
10-ай Бештин айы Ноябрь 11-ай
11-ай Үчтүн айы Декабрь 12-ай
12-ай Бирдин айы Январь 1-ай

Жогорудагыдай тартип-ирет Султаналы Борбодойдун «Кыргыз календары» (Кытай Эл Республикасы, Артыш шаары, «Кызыл-Суу кыргыз басмасы», 1990) деген эмгегинде берилет.

Ал эми айрым Айсанакчылардын жана аалымдардын классификациясы бир аз башкача.

6-таблица. Айсанак (Жусуп Мамайдын варианты)

Ай катары (кыргызча) Кыргызча Айсанак Эл аралык  айнаама (Григориан календары) катары
1-ай Бирдин айы Январь 1-ай
2-ай Жалган куран Февраль 2-ай
3-ай Чын куран Март 3-ай
4-ай Бугу Апрель 4-ай
5-ай Кулжа Май 5-ай
6-ай Теке Июнь 6-ай
7-ай Баш оона Июль 7-ай
8-ай Аяк оона Август 8-ай
9-ай Тогуздун айы Сентябрь 9-ай
10-ай Жетинин айы Октябрь 10-ай
11-ай Бештин айы Ноябрь 11-ай
12-ай Үчтүн айы Декабрь 12-ай

Мындай тартип-ирет Жусуп Мамайдын «Бабалардын жыл санагы» («Тил жана котормо» журналы, Үрүмчү. – 1994, №3. – 8-9-бб.) деген эмгегинде берилет. Жогорудагыдай мисалдарды келтирип М.Өмүрбай Жуңгонун Улуу-Чат ооданында жашаган Эмин Көчкөнбай уулу да ушул пикирде экендигин айтуу менен өз изилдөөлөрүн жыйынтыктап мындай позицияны карманат: «Кыргыз ай аттарынын ирет-тартибинин мыйзамы: кыргыз жөрөлгөлүү ай эсепчилигинде, баш ай жалган куран болуп, ал жаз айынын биринчи айы (нооруз айы) болгон; ал жаңыча милади ай санагынын 2-айына (февралга) беттешип келери анык болду. Ошондо, жөрөлгөлүү эсепчиликте, азыркы ай аттары менен мындай көздөштүрүп, тартипке тизилет:

Жалган куран – февраль

Чын куран – март

Бугу – апрель

Кулжа – май

Теке – июнь

Баш оона – июль

Аяк оона – август

Тогуздун айы – сентябрь

Жетинин айы – октябрь

Бештин айы – ноябрь Үчтүн айы – декабрь Бирдин айы – январь.

Демек, ал Белек Солтоноевдин («Кызыл кыргыз тарыхы»), Султаналы Борбодойдун («Кыргыз календары»), Касымбек Сейдакматовдун («Кыргыз элинин календардык түшүнүгү») пикирлерин колдойт. Ошол эле кезде Х.Карасаев, К.К.Юдахин, Ж.Мамай, К.Асанакун Айсанак жүргүзүүдө ай башын туура эмес баштаганын айтат, бирок азыркы доордун талабын эске алып жыл башын январга ылайыкташтырып алууга болорун да жокко чыгарбайт[7].

7-таблица.

Ай аттары, алардын салыштырма таблицасы (А.Темиркуловдун варианты)[8]

Ай аттары Ай аттары (байыркы) узактыгы Азыркы айлар менен салыштыруу
Чын куран Баш ай 31сутка 17-мартта башталып,

16-апрелде аяктайт

Бугу Корук ай 31 17-апрелде башталып,

17-майда аяктайт

Кулжа Күкүк ай 31 18-майда башталып,

17-июнда аяктайт

Теке Чилде ай 31 18-июнда башталып,

18-июлда аяктайт

Баш оона Сарыча ай 31 19-июлда башталып,

18-августта аяктайт

Аяк оона Кыркүйөк ай 31 19-августта башталып,

18-сентябрда аяктайт

Тогуздун айы Мизам ай 30 19-сентябрда башталып,

18-октябрда аяктайт

Жетинин айы Карача ай 30 19-октябрда башталып,

17-ноябрда аяктайт

Бештин айы Казан ай 30 18-ноябрда башталып,

17-декабрда аяктайт

Үчтүн айы Канжар ай 30 18-декабрда башталып,

16-январда аяктайт

Бирдин айы Акпаң ай 30 17-январда башталып,

15-февралда аяктайт

Жалган куран Чил айы 29-30 сутка 16-февралдан башталып, 16-мартта аяктайт

Ошол эле жерде изилдөөчү 17-марттан 4-апрель 5 тогоолдун болушун, 15-апрель Күкүк чакырык экенин, жайкы чилденин чак ортосу 3-август Каңтар делерин, жай чилдесинин түшүшү 12-июль болорун, жайдагы маалдар Чымыран, Буулан-дуулан, Толгон (Мыйзам), Саратан, Сайроон деп аталарын, Теке айында Үркөрдүн чыгышы, жайда Каркыранын өтүшү, Кыргыектин өтүшү болорун жазат. Анын дагы белгилөөсү боюнча күз мезгилинде Кыш кыроосу, Бугунун ооз чайкары, Үшүк деген мезгилдер болот. Кыш чилдеси 12-январда башталып, 21-февралда аяктайт.

Бул изилдөөчү элдик эсепчиликти бир топ мыкты өздөштүргөн сыяктанат, айларды, маалдарды кыйла эле тактап, азыркы айлар менен салыштырып, деталдаштырып берет. Бирок негиздөөлөрүнүн тактыгы дале болсо толук ишендире бербейт.

Маселе келип чыгат: эмне үчүн ай ирети ушундайча тизилип калды?

Ага да М.Өмүрбай жогорудагы эмгегинде жооп издеген:

Биринчи принцип: жазды жылдын башы катары кармануу.

Экинчи принцип: кайберендердин туутундагы кайсыл кайберен эрте тууса аны алдыга тизүү, ал сан менен аталган айларды он сандын ичиндеги так сандарды чоңунан кичинесине карай тизүү.

Үчүнчү принцип: тогоолдун белгилерин чоң-кичине санына карай тизүү принциби[9].

Эмне үчүн ай аттары бирдиктүү эмес, же баары жаныбарлардын аттары менен (жыл аттарындай), же баары сандар менен (Бирдин айы, Үчтүн айы…), же «ооналар» (Баш оона, Аяк оона) менен аталган эмес? Бул да табышмактуу суроо. Аны ар ким ар түрдүү чечмелеп келет.

8-таблица. Ай аттарынын аталыш себебин Б.Солтоноевдин чечмелеши

Ай аттары Аталыш себеби
Жалган куран Куран – эликтин текеси. Ушул айда эликке жаңыдан бала түйүлөт. Бооз-кысыры жалган, арсар болот, ошон үчүн жалган куран аталат
Чын куран Элик бала көтөргөнү чын билинет
Бугу Бугу баш оонанын аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп кезген чагы. Бугу айында туулганы үчүн бугу дейт
Кулжа Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, андыктан кулжа дейт
Теке Теке бештин айынын 20сынан абдан озгону 30уна жете кезет. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Жут болордо 15 күн кеч жүгүрөт. Үркөр тууйт, андыктан кулжа дейт
Баш оона Бугу баш оонанын аягында баш оонанын башында ооган жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона десе керек
Аяк оона Аяк оонада бугунун аягы тынбай маралга кыйгач жүгүргөн чагы болуп калганы үчүн бул айды аяк оона десе керек
Тогуздун айы Кыргыз эң байыркы эски замандан бирөөгө ызаттап мал-бул берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, тогуздап барган… ошол адет боюнча бул айды тогуздун айы десе керек
Жетинин айы Жети ата-бабасын билүү, жети кылым өткөнчө жети атасынан бери тууган деп жетини бел кылып эски кыргыздар сүйлөгөн. Ушул себептен бул айды кыргыздар жетинин айы десе керек.
Бештин айы «Бешенең бештен» деп беш санатты артыкчараак көргөн. Ушул үчүн бештин айы десе керек
Үчтүн айы «Үчтөн кийин чүч» деп жана үч чапканча таяк көтөрүү, өлгөндүн үчүлүгү, конокко үчтөн бириктирип тамак берүү адеттерин жүргүзө келген мурунтан берки кыргыздын расими. Ушул себептен үчтүн айы деп киргизген чыгар
Бирдин айы «Туулмак бир, өлмөк бир, сөз бир» деген. Ошондуктан айга киргизилмеги мүмкүн

Белек Солтоновдун (1878-1938) бул жазгандары «Кызыл кыргыз тарыхы» деген китебинен. Анда 1895-1934-жылдарда эл арасынан чогулткан материалдары таанымал тарыхчылардын изилдөөлөрү менен, археологиялык маалыматтар, санжыралар, фольклор менен салыштырылып, өзүнчө кызыктуу берилет. Анда кыргыз жериндеги гана эмес, азыркы Кытай аймагындагы элибиздин этнографиясы чагылдырылып, элдин салты, улуттук оюндары, дини, медицинасы, элдик педагогикасы, астрологиялык түшүнүктөрү, уруу-уруктарынын бөлүнүштөрү ж.б. көрсөтүлөт. Ушундай билимдүү киши болсо да айрым учурларды тактай албай божомол түрүндө жазат[10].

Башка бир варианттарды М.Өмүрбай ар түрдүү маалыматчыларга негиздеп сунуш кылат.

Султанаалы Борбодой: Баш оона, аяк оона айларынын аты түштүк ысык жерлерде жашаган оона деген жаныбардын атынан коюлган, аларды алды төлдөгөн ай – баш оона, аягы төлдөгөнү – аяк оона. Ал эми Тогуздун айы, Жетинин айы, Бештин айы, Үчтүн айы, Бирдин айы – Тогоолдогу өзгөрүш белгилерине карата коюлган. Калган айлар Б.Солтонов айткандай.

Эмин Көчкөнбай: Баш оонада көгүчкөн түспөл келген боз чымчык тууйт, аяк оонада ал чымчык оонап, жумуртка чыгарат.

Ташполот Токтобек уулу: Баш оона, аяк оона деген Тараза жылдыздын түштүккө ооганынан улам айтылган.

Эколог аалым Жумакадыр Карамолдоев айларга кийиктердин эркектеринин аттары (куран, жалган куран, бугу, кулжа, теке) коюлган себебин кыргыздар экологиялык жактан кайберендердин тукумун кырып жибербеш үчүн жалаң гана эркек кийиктерге аңчылык кылгандыгы менен түшүндүрөт[11]. Ал телеберүүдө сүйлөгөн кетмен-төбөлүк мергендин (атын унутуп калган болуу керек, айтпайт) Жалган куранда курандын мүйүзү өсө элек болуп куранбы, же башка жаныбарбы (эликпи) деген ой кетип жалган болору, ал эми кийинки айда чын болору (Чын куран) аныкталат дегенине кошулат.

Ал эми К.Сейдакматов Жалган куран, Чын куран деген ай аттарын эликтин эркегин билдирген «куран» деген сөзгө байланыштырууну, ал айды элик «чуркаган» же «тууган» деп алуу, Бугу, Кулжа, Теке айларын да ошол жаныбарлардын «жүгүргөн» кезиндеги ай деп билүү чындыкка жакындабастыгын, алар тогоол жана зодиак боюнча гана эсептөөдөн келип чыгышы мүмкүн экендигин айтат[12].

М.Өмүрбай мындай дейт: «Кытайдын «Жаңы Таңнаама» деген тарыхый жазмасында «Кыргыздар жылдын башын «Баш-ай» дейт» деп сакталып калган. Мына ошол кезде кыргыздар ай аттарына «көнөк жылдыз»,»козу жылдыз» деп асман телолорунун ысымын койгон…» Ал эми кабарчынын «Бирдин айы, Бугу, Кулжа деген аталыштар качан пайда болгон?» деген суроосуна мындай жооп издейт: «Эне-Сайдан Ала-Тоого көчкөндөн кийинки мезгилде… ал жактан ооп келгенден кийин мурдагы географиялык ордуна караганда бул жерде чоң өзгөрүш болгон. Ушул жашаган чөйрөсүнүн табиятына ылайыкташкан аттарды коюу талабы келип чыккан. Он эки айдын беш айын ыйык сандар менен, жети айды – кайберендердин туут мезгили менен атаган. Кайберендердин туут мезгили өтө туруктуу болуп, үй айбандарына караганда жылына бир гана мезгилде төлдөгөн. Эч кандай жылыштар болбогон.  Эгер жылыш болуп кете турган болсо, каатчылыктын белгиси катары кабыл алышкан»[13].

Көрүнүп тургандай, ай аттарынын чыгыш себебин түшүндүрүү, ошондойчо аталып калуусунун маанисин чечмелөө келечектин иши бойдон калууда.

Айсанакта негизги маселе – Үркөр менен Айдын тогошуусу. Аны тогоол дешет. «Кыргыз элинин улуулугун, олуялыгын, дегеле баа жеткис мурастарын далилдөөчү, жазсаң түгөнбөгөн кен бар. Алардын бири – тогоол календары, – деп айтат Дастан Сарыгулов[14]. – тогошуу – Үркөр топ жылдыз, Ай, Жер бир сызыкка туура келгени. Демек, муну тогоол деп атайбыз. Тогоол күндөрү аба ырайы өзгөрүлүп, адамдар, жаныбарлар үчүн өтө жагымсыз күн болот. Илгери тогоол күнүндө ата-бабабыз мергенчиликке чыгышкан эмес, себеби, бул маалда кийик-аркарлар оттобой, ыктоо жерлерде дымып жатышкан. Жада калса балыктар да суунун тереңинде тынып же таштын коңулунан чыкпай калат. Бул күндөрү кыргыз эли көчкөн эмес, кыз берип, келин алган эмес. Тогоол – үч күнгө созулат, азыркы аталыш менен магниттик куюн деп жүрүшөт…, дал ушул жөнүндө Саймалуу-Ташка чегип түшүргөнү – кыргыз элинин улуулугун даңазалаган сыймык экенин ар бир кыргыз уулу, кыргыз кызы билиши шарт. Дагы бир айта кетчү нерсе, бир гана кыргыз элинде мындай так календарь оозмо-ооз өтүп, жашап, сакталып калган».

9-таблица. Тогоолдор М.Өмүрбайдын чечмелөөсүндө[15]

Ай аттары Тогоолдор жана алардын белгилери
Жалган куран 7 жаңысынан тогойт
Чын куран 5 жаңысынан тогойт
Бугу 3 жаңысынан тогойт
Кулжа 1 жаңысынан тогойт
Теке Үркөр отурганы үчүн тогоол болбойт
Баш оона 21 жаңысынан тогойт, тогоол белгиси айкын эмес
Аяк оона 19 жаңысынан тогойт, тогоол белгиси айкын эмес
Тогуздун айы 17 жаңысынан тогойт, анда 9 белги көрүлөт
Жетинин айы 15 жаңысынан тогойт, анда 7 белги көрүлөт
Бештин айы 13 жаңысынан тогойт, анда 5 белги көрүлөт
Үчтүн айы 11 жаңысынан тогойт, анда 3 белги көрүлөт
Бирдин айы 9 жаңысынан тогойт, анда 1 белги көрүлөт

Элдик эсепчилер жана алардын чыгармачылыгын изилдөөчүлөр бир айды эки маалга бөлөт: биринчи маал – Ай жаңыргандан Ай толгонго чейинки Айдын жарык маалы (Айдын толо баштаган кези), экинчи маал – Ай толгондон Айдын кетиле баштаган мезгили – Айдын караңгы маалы. Ар бири 15 күндөн 24 маал болуп, сары эсепчилер ошол 24 маалдын өзгөчөлүгүн табышкан.

10-таблица.

Айлардын жана анын ичиндеги мезгилдердин негизги белгилери

(Султаналы Борбодой варианты)

Ай аттары Негизги белгилери
Жалган куран Нооруз; айран чыккан
Чын куран Тоң чыгар; ууз кымыз
Бугу Чечек суу; күкүк
Кулжа Үркөр отурушу; саратан
Теке Теке тамыз; үркөр чыгуу
Баш оона Ата малдын кириши; камылга
Аяк оона Бышыкчылык; мызан
Тогуздун айы Үшүк; кыргыек
Жетинин айы Кыркым; боз кыроо
Бештин айы Кулжа чаңыт; аюунун чээнге кириши
Үчтүн айы Теке чаңыт; чилденин түшүшү
Бирдин айы Согум; чилде чыгар

11-таблица.

Айлардын жана анын ичиндеги мезгилдердин негизги аттары (Кален Асанакундун варианты)

Ай аттары Негизги белгилери
Жалган куран 11-күнү – Нооруз мезгили; орто чени – чилде чыгар
Чын куран 1-жарымы – тоң чыгар; 2-жарымы – ууз кымыз
Бугу 1-жарымы – чечек суу; 2-жарымы – күкүк
Кулжа 1-жарымы – үркөр; 2-жарымы – саратан
Теке Орто чени – теке тамыз; 2-жарымы – үркөр чыгыш
Баш оона 1-жарымы – ата мал кирген; 2-жарымы – камылга
Аяк оона Ай ичи – мизан
Тогуздун айы 1-жарымы – үшүк; 2-жарымы – кыргыек
Жетинин айы 1-жарымы – кыркым
Бештин айы 1-жарымы – кулжа чаңыт
Үчтүн айы Айдын башы – теке чаңыт; чилденин түшүшү, боз кыроо
Бирдин айы

12-таблица.

Айлардын жана анын ичиндеги мезгилдердин негизги белгилери

(Жусуп Мамайдын варианты)

Ай аттары Негизги белгилери
Жалган куран Нооруз; айран чыккан
Чын куран Тоң чыгар; ууз кымыз
Бугу Канаттуу айбандар тукумдайт, чөп жеген айбандар түлөйт, ошон үчүн кызыл түлөө, кызыл тукум маалдары делет; жаз жарыш
Кулжа Бугудагы маалдар уланат; жаз жарыш
Теке Бугудагы маалдар уланат
Баш оона
Аяк оона
Тогуздун айы Айыксыз күрөш; 20-күнүнөн Үчтүн айынын 20-күнүнө чейин кедери кеткен ай, кедери ай
Жетинин айы 15тери бугунун ооз чайкары; айыксыз күрөш уланат
Бештин айы 15инен кийинкиси теке чаңыт; бел курчайбыз
Үчтүн айы 15инен кийинки маал каңтар
Бирдин айы

13-таблица.

Айлардын жана анын ичиндеги мезгилдердин негизги белгилери (Алыкул Кенебай уулунун варианты)

Ай аттары Негизги белгилери
Жалган куран 20-күнү чилденин чыгышы
Чын куран 5-күнү суурдун чыгышы; 10-күнү аюунун которулушу; 15-күнү кемпирдин кейиши; 20-күнү токсондун чыгышы
Бугу 30-күнү күкүк чакырык
Кулжа
Теке 18-күнү Үркөр чыгат; 2-күнү жай чилденин түшүшү
Баш оона
Аяк оона
Тогуздун айы 7-15-күндөрү каркыранын өтүшү; 15-күнү кыргыектин өтүшү
Жетинин айы 6-7-күндөрү кыш кыроосу; 17-күнү бугунун ооз чайкары
Бештин айы
Үчтүн айы 25-күнү чилденин түшүшү
Бирдин айы

14-таблица.

Айлардын жана анын ичиндеги маалдардын аталыштары (Кален Асанакундун варианты)

Ай аттары Негизги белгилери
Жалган куран Мүйүз аяз; кийиз аяз
Чын куран Үт; соор
Бугу Чечек суу; жооза
Кулжа Кызыл түлөө; күкүк
Теке Тамыз; теке тамыз
Баш оона Саратан тамыз; асат
Аяк оона Сумбала; мизам
Тогуздун айы Боз кыроо; кыргыек
Жетинин айы Акырып; кабыс
Бештин айы Чил арыш; токту тойбос, чөмүч кургабыз
Үчтүн айы Боз кыроо; кара аяз
Бирдин айы Темир аяз; мүйүз аяз

Жакынкы Чыгыш элдери менен тыгыз байланыша баштоо, соода-сатык мамилелери алардын айларын колдоно баштоону да шарттады. Азыр да айрым эски адамдар ушундай аталыштарды колдоно калып жүрөт. Алар мындай: камал (амал) – март соор – апрель жооза – май саратан – июнь асат – июль сүмбүла – август мизан – сентябрь акрап – октябрь ауыс (кабыс) – ноябрь жадди – декабрь далу – январь үт – февраль.

Ал эми ислам дининин таасири, мусулман адабияттарын колдонуу араб ай аттарын турмушубузга аралаштырды, өзгөчө ислам булактарын окуган окумал адамдар, мударистер, талабалар, молдолор, атимчалар бул ай аттарын колдонуп калат:

катары Арабча айлар сутка Ай атынын мааниси
1 Мухаррам 30 «тыюу салынган», «андай кылууга болбойт» деген мааниде. Бул айда согушууну, урушуп-талашууну токтотуу керек.
2 Сафар 29 «сары» деген мааниде
3 Раби-ал-аввал 30 «алгачкы Раби»
4 Раби-ас-сани 29 «экинчи Раби»
5 Джумада-ал-ума 30 «үшүү»
6 Джумада-ал-ахира 29 «үшүүнүн акыркысы»
7 Раджаб 30 «тайсалдоо», «коркуу»
8 Шаабан 23 «ажыроо», «бөлүнүү»
9 Рамадан 30 «ысык ай», «такшалуу».

Орозо айы

10 Шаввал 29 «жер которуу»
11 Зулъ къаада 30 «үйдө отуруу», «чыкпоо»
12 Зулхъиджа 29-30 «зыяратка баруу», «чыгуу»

Тарыхтан белгилүү Мухаммед пайгамбар азыркы биздин жыл эсеп боюнча 622-жылы 16-июль күнү Мекеден Мединага көчөт, ошол күндөн баштап Көчүү жылы (Хижира) кабыл алынып, 1-жыл болот жана айлар да ошондон эсептелет, ал айларга пайгамбардын тарыхы терең сиңдирилген. Бул календардын кыргыздар арасында таралышынын бир мисалы, азыр биздин арабызда Махаррам, Сапар (Сафар), Раби (Рабы, Рабыкан) Раджаб (Ражаб, Иражап), Шаабан, Рамадан (Рамазан) деген ысымдуу адамдар жашайт, ошолор туулган айларынын атын алып жүрөт.

Мына ушулар баары аралашып кеткен. Бирок эл арасында кыргыздардын байыркы календары кыйла бекем сакталып, анын маани-маңызындагы сөздөр муундан муунга айтылып келет. Булардын ичинен «Манас» эпосунда «күздү «мыйзам гүл» күзгө жуук жел менен кошо учкан ак түстөгү желе сыяктуу үлпүлдөк нерсе менен байланыштырат[16] («Мыйзам учуп күз болуп, Жер семирип түз болуп, Коон бышып жай болуп, Жердин баары май болуп, Эгиндин баары бышыптыр, Түркүн дүйүм жыгачтын, Мөмөсү жайнап түшүптүр»).

Асман телолору менен эл тиричилиги байланышып, алар муундан муунга ыбарат-сөз катары өткөрүлүп келген. Айрымдарын окуп көрөлү жана маанисин аңдайлы:

«Үркөр үйдөн көрүнсө, үч ай – 90 күн кышың бар»,

«Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт»,

«Үркөр ооп жаз келди»,

«Үркөр чыкты чөп үркөт»,

«Үркөр эл жатарда жамбашка келсе, жазга таандык болгону»,

«Үркөр жерге түшкөндө какыр жерде күлдүү күчүк жер казат»,

«Үркөр чыкканча, кара эгинди сугарба»,

«Аяк оонада Үркөр таң менен бирге чыгат»,

«Үркөр таң алдында чыгып, шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт»,

«Үркөр төбөгө келгенде кыш теңдейт» «Үркөр батты, кош жатты» ж.б.

Арстанбек төкмө: «Үркөр – Айдын жолдошу, үч аркар – таңдын болжошу», – деп ырдайт.

Элдик ырда Үркөр мындай дейт:

«Ашка кардым тойгон соң, анан Айды жандаймын», «Кийим-кече кийген соң, анан Айды жандаймын», «Ак уюма шыбасам, аяк-аяк сүт берди, көк уюма шыбасам, көнөк-көнөк сүт берди, айран-жуурат көп болду, ушул иш мага эп болду».

«Жыл жакшы келсе – үт, жаман келсе – жут» «Жалган куранда жалама айран ичет»

«Чын куранда чыңыртып бээ (кулун) байлайт» «Үттүгүнө алса үт болот, болбосо жут болот»

«Үчүнчү айда үт кирет, арык койго сүт кирет»

«Соко чыгат соордо»

«Жоозада жоогазын гүлдөйт»

«Саратан тамызда салкында гана сапар тарт»

«Саратан уруп кетет»

«Саратанда саар чык»

«Сумбула чыгып, суз болот, булактын башы муз болот»

«Сумбулада суу муздайт»

«Мыйзам келди – күз келди»

«Акырапта акыр күз болот»

«Кабыста эккенче, казаныңа кууруп же»,

«Чилденин жүрүшү – чил арымы»,

«Бештин айында бел курчайт»

«Бештин айында белдик чечилет»

«Бештин айы жаңырды – безилдеп шамал чамынды»

«Беш тогоол өтпөй – бел чечпейт»

«Беш тогоол өтсө – бешиктеги бала үшүбөйт»

«Жетинин айы жаңырды – жээкке жайба малаңды»

«Бирдин айындай созулган (чубалган)»

«Каңтар айкырып ийди, кургакчылык болуп, жыл катуу болот»

«Каңтар осуруп ийди, жыл жакшы болот»

«Үзүмчүлүктөн эптеп чыгайлы»

«Узун сарыга сактап койдум»

«Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыканы жаман»

«Кыш чилдеден кийин апкыт-сапкыт алты күн болот»

«Ай короолосо аягынды тос, Күн короолосо күрөгүңдү тос»

«Эртең менен күн кызарып чыкса, элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде күн кызарып батса, аялың эркек туугандай сүйүн» ж.б.

Кыргыз элинин байыртан бери колдонуп келген Айсанак календары «тогоол» деген түшүнүк  менен терең байланышат.

Жазуучу Асыкбек Оморов тогоолдор тууралуу мындай пикирлерин айтат[17]: «… «тогоол» деген сөздүн мааниси Үркөр жылдыз менен Айдын жакындашып тогошуп өткөнүнөн улам аталган. Үркөрдүн чыгышынан батышына чейин тогоолдорду эсептеп көрүшкөн. Бул жагынан алганда, байыркы ата-бабаларыбыз астрономиялык аныктоолорго атайы куралсыз, аспапсыз эле байкоо жүргүзүшүп, аныкташкан.

Кыркүйөк айынын (Кулжа – июнь) 23төрүндө Үркөр жылдыз менен Ай таңдын алдында Чыгыштан жанашып чыгышат. Бул болсо, күн менен түн узактыгы боюнча теңелди дегенди билдирет. Үркөр менен Ай ошондон баштап туптуура 3 күн жанаша чыгат дагы, андан кийин билинбей бири-биринен акырындык менен алыстай баштайт.

Эми, андан кийинки айлардын тогошкон күндөрүн санайлы:

Күкүкү айы (Жалган куран – март) 7синен тогошот

Чилде айы (Чын куран – апрель) 5инен тогошот

Сарыча айы (Бугу – май) 3үнөн тогошот

Кыркүйөк айы (Кулжа – июнь) 1инен тогоп, үркөр батат

Мизам айы (Теке – июль) 23үнөн тогоп, үркөр чыгат

Карача айы (Баш оона – август) 2синен тогошот

Казан (согуш) айы (Аяк оона – сентябрь) 9унан тогошот

Канжар айы (Тогуздун айы – октябрь) 17синен тогошот

Акпаң айы (Жетинин айы – ноябрь) 15инен тогошот

Чил айы (Бештин айы – декабрь) 13үнөн тогошот Баш айы (Үчтүн айы – январь) 11инен тогошот Корук айы (Бирдин айы – февраль) 9унан тогошот».

Андан ары жазуучу кыргыз элинин айрым бир календарлык түшүнүктөрүн чечмелеп кетет.

Мисалы: «Бугунун ооз чайкары» – канжар айдын 15теринде азыраак кар жаап, бугулар эркек-ургаачы болуп кошуларда суусап калбаш үчүн бир аз кар ооз тийип алган.

«Кулжа жүгүрүк» – акпаң айдын 15инен кийин суук түшүп, туман болот, ошондо кулжалар жүгүрүп өздөрүнө үйүр издеп калган.

«Теке чаңыт» – чил айында бийик тоону кар басып, тоо этектери ала болуп кар жаап, айлана суук болот, ошол кез ушундай аталган.

«Жалган куран» – эликтин «куран» деген эркегинин атынан, айрым кайберендер эрте тууп, көп төлү өлүп калган, андыктан жалган куран аталат.

«Бугу» – бугунун ургаачысы (марал) төлдөйт.

«Кулжа» – кулжанын ургаачысы (аркар) төлдөйт.

«Теке» – эчки-текелер төлдөйт.

Ай аттарын жапайы жандыктар, алардын ичинде кайберен тукумдары менен атоо – кыргыздардын байыркы тотемдик, анимисттик ишенимдерин көрсөтөт, ошол эле кезде элдин жашоо-турмушунда бул жаныбарлар абдан маанилүү рол ойногондугун, аларды ушунчалык кылдат байкап, үй айбандарындай эле аралаш жүргөндүгүн айгинелейт. Аңчылар кийиктердин эркеги менен ургачылары бөлүнүп өзүнчө оттоп калган мезгилинде, алардын эт алып, май байлап калган учуру келгенин билишкен, алар ошол кезде куутун баштоо үчүн Айдын жаңырышын күткөн, мындай кезде аларды атууга болот деп эсептешкен. Ал эми бул жаныбарлар бооз учурунда аларды атып алган эмес, бооз кезинде атса, аны кайберен каргап, «Карагул ботомдогу», «Кожожаштагы» абалга кириптер кылып коёт деп эсептешкен, ошого ишенишкен.

К.Сейдакматов тогоолдорду азыркы биз колдонуп жүргөн ай аттарына коюп чыгат[18]:

Июнь – 23 тогоол

Июль – 21 тогоол

Август – 19 тогоол

Сентябрь – 17 тогоол

Октябрь – 15 тогоол

Декабрь – 11 тогоол

Январь – 9 тогоол

Февраль – 7 тогоол Март – 5 тогоол Апрель – 3 тогоол.

Ошол эле кезде асмандагы Айдын Жерди айланышы жылына 10-11 күнгө алдыга кетип каларын, ушундай алга кетүүлөр 32 жарым жылда бир жылга барабар болуп каларын, Үркөр менен Айдын тогошуусу боюнча эсеп жүргүзүүдө жогорудагыдай өзгөрүүлөр да көңүлгө алынууга тийиштигин эскертет.

К.Сейдакматов жыл башы деп Ай менен Үркөрдүн тогошуусун 23 тогошу деп 22-мартка туура келерин айтып, биринчи ай катары Жалган куранды (март) эсептейт, Февралды бир тогоол дейт. Анын эң бир өзгөчө айткан нерсеси: Тогуздун айы дебей – Тогуз тогоол, Жетинин айы дебей – Жети тогоол, Бештин айы дебей – Беш тогоол, Үчтүн айы дебей – Үч тогоол, Бирдин айы дебей – Бир тогол дегендигинде. Бул кыйла туура сыяктанат. Мисалы, азыр дале эски кишилер айсанак жүргүзгөндө Тогуз тогоол, Жети тогоол, Беш тогоол («Беш тогоол өтпөй бел чечпейт») деп айтышат[19].

Кара-Көл шаарынан врач жана элдик эсепчи Торон Жумаев кыш мезгилдери тууралуу мындай дейт:  «90 күнгө созулган «токсон» мезгили 13-декабрда башталат. «Токсон» түшкөн соң 25 күндөн кийин 40 күнгө созулган «кыш чилде» башталат. «Кыш чилде» 8-январь менен 18-февралдын ортосуна туш келет. 18-февралдан кийин дагы 25 күндөн соң 90 күнгө созулган «токсон» мезгили аяктайт. Башкача айтканда 13-мартта бүтөт».

Анын айтуунда кыш чилдени алты жандоочусу бар:

  1. «Кырдач» – алты күнгө созулат.
  2. «Адынын алты уулу». Бул да алты күнгө созулуп, 19-январда аяктайт. Бул күн кыш чилденин эң суук күнү катары белгилүү. Орустарда бул күндү «Крещенские морозы» деп белгилеп, майрамдашат.
  3. «Жетинин жети уулу» – деген 7 күндүк суук келет. Ал 26-январда аяктайт.
  4. «Каңтар» деген күн 27-январга туура келген бир күндүк суук. «Каңтар» сөзү сууктун теңи бүттү, суук каңтарылды деген маанини берет. Казактар январь айын «Каңтар» деп аташат.
  5. 28-январдан 11-февралга чейин «Үт» деген 15 күн келет. Бул убакыт аралыгында кар көп жаайт. Андыктан кар мол болсо «үт келди», аз жааса «жут келди» деп коюшкан. Буга байланыштуу кыргыз элинде «жакшылыгын алса үт, жамандыгын алса жут» деген макал дагы колдонулган.
  6. Кыш чилденин эң акыркы жан-жөкөрү «апкытсапкыт алты күн» деп аталат. Бул убакыт 12-февралдан 17-февралга чейин туура келет. 18-февралда кырк күнгө созулган кыш чилде бардык аймакта бүтөт.

«Темир аяз» мезгили – 8-январдан 18-февралга туура келет. 19-27-февраль аралыгы «Мүйүз аяз» деп аталса, «Кийиз аяз» күндөрү 28-февралдан 13-мартка чейин созулат[20].

Кочкорлук Эсенбай эсепчинин маалыматына таянып, жазуучу Чолпонбек Абыкее уулу: «Токсон 29-ноябрдан баштап 11-декабрга чейин түшөт. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот. Айрым жылдары 3 күндөн 7 күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет», – деп жазат[21].

Ал эми А.Темиркулов Айдын бир жылдык суткасы 354 сутка 8 саат 48 минут 36 секунд болорун, Күн календарына Ай календары 10 сутка 21 саат 10 секунд жетпесин эсептеп берет3. А.Калыбековдун саноосу боюнча жаңырган Ай он үчүнчү жолу көрүнгөндө 1 жыл өттү делип, жыл он эки айга бөлүнгөн, айлар 29 жана 30 суткага барабар. Ай жылы 354, 367 суткага барабар болгондуктан күн жылынан болжол менен 11 суткага кыска[22].

Кыргыздар дээрлик 20-жүз жылдыкка чейин мына ушул Айга негизделген календарды колдонуп келишкен жана ал сары эсеп адамдарды алдабаган, жаңылткан эмес.

Элдик эсепчилердин эсеп-чотунда жылдыздар да өзгөчө мааниде болгон: «Кыргыздар ар бир айдын наамын жана асмандагы жылдыздардын бир жыл ичиндеги туңгуч ирет көрүнгөнүнө негизденип, аларды Козу, Өгүз, Арандыз (Жаваза), Кучук (Саратан), Арстан, Сүнпүлүк, Үлгү (Тараза), Чазан (Чаян), Жаа, Улак (Теке), Көнөк балык деген жылдыздардын наамы менен атаган. Байыркы кыргыздардын салты боюнча Күн менен Ай адамзаттын атасы жана энеси болгон, жылдыздар болсо адамдын бакыттуу жана бактысыздыгын белгилеген. Козу жылдызы адамга бакыт келтирүүчү, Балык жылдызы бакытсыздык келтирүүчү жылдыз деп каралган. Ошондуктан алар Балык жылдызы асмандан ооп, Козу жылдызы көрүнгөн сааттан баштап жаңы жыл эсептеген. Ал эми жылдыздын ичинде барс жылы эң кайрылуу, мол, жыргалдуу жыл деп эсептелген. Ошондуктан алардын ичинде «Барс жылы баарын чач, эч болбосо таруу чач» деген макал сакталып калган» (А.Байтур[23]).

Мергенден жапайы кийиктердин кууту Үркөр батканда башталарын, ошондо алардын балдары суукка байымдуу болорун байкашкан. Текелер куутун Айды карап туруп ишке ашырган («Ай караган текедей» деген сөз ошондон чыккан). Жаныбарлардын ичинен адам жана ушул текелер гана көктү карап, андагы жылдыздардын, Айдын абалына байкоо салган, куутту качан баштап, туутту кайсыл убакка келтирүүнү эсептешкен, бул болсо алардын төлүнүн аман сакталышын, татаал климаттык шарттарда тукумунун көбөйүшүн негиздеген. Кыргыз аңчылары болсо ошол текелердин жүгүрүүсүн кылдат байкашкан. Бул болсо өтө байыркы замандардан бери келе жаткан элдик табыркачылык болуп эсептелет.

Элдик эсепчилер гана эмес, көпчүлүк адамдар да күздө дарактардын жалбырактары көптө барып саргарса, кыш кеч келет, кыш чилдеде кар ээрип турса, жаз кеч келет, келгин куштар эрте кете баштаса, кыш жакындап калды, быйыл эрте келет, каркыралар жапыз учса, кар калың, кыш оор болот дешкен. Жамгыр «бейшембиде жааса, жума ачаар, жума жааса ким ачаар» деп жума күнү башталган жаан кайра бир жумага чейин созулат деп табырка кылышкан.

Мына ушулардын баарын элге тараткандар, албетте, биринчи кезекте эсепчилер болгон. «Эсепчи бул – айрым адамдардын жеке касиети. Башкалардан айырмалануучу кандайдыр бир баамы. Журт көзүнө бөтөнчөлөнүп көрүнүүсү…

…Эсепчи жылдыздардын чыгышын, батышын, чилденин өтүшүн, беш тоголдун тогошун, үркөрдүн көчүшүн, асмандагы аба толкундарын, жылдын келерин, жаздын кандай чыгарын алдын-ала билип турган. Булар эл билбегенди билген, ошол билиминде тажрыйбаларга жана жөнөкөй изилдөөлөргө, иликтөөлөргө таянган. Алар «Кыш катуу, жаз эрте чыгат», «Кыш жумшак, жаздын мойну узун», «Быйыл кой үстүндө боз торгой жумурткалайт», көрпө тебетей менен шыпырып, жуккан чөптү көрүп, «малга токчулук болот» дешчү экен.

Элдик жылдыз саноочунун божомолу:

Ай чалкалап жаңырыптыр, кышында суук, бороон, чапкын болот

Ай короолуптур, аягыңды тос, жут болбой май тезинен сүт берет

Ай короолуптур, көкүрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот

Эртең менен Күн кызарып чыкса – эгинди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – катының эркек туугандай сүйүн ж.б. табыркаларды айтат[24].

Кыштын оор болушунун божомолу: пияздын кабыгы калың болот; чычкан ийинин башка жылга караганда терең казат ж.б.

Элдик эсепчилердин байкап-чоттолоруна караганда жакында жаан-чачын болорунун белгилери: Мылтыктын үнү пас угулуп калат

Идиштеги ун, талкан, туз нымдашат

Тери буюмдары: жүгөн, басмайыл, көөкөр, чанач ж.б.

нерселер жумшарып калат

Малдын жүнү, адамдын чачы жумшарат

Комуздун кылы бошойт

Жөргөмүштөр торунун орто жерине барып алышат

Көпөлөктөр пас учуп, гүлдөрүн башына конбой калат

Кумурскалар уюгуна кире баштайт

Соно чымындар көзгө көрүнбөй калат ж.б.[25]

Кыргыздар жылдын ысык-суук мезгилдерин көп кылымдар бою байкап келип, ар бир бөлүктөрүнө ат коёт: кырдач (кыш чилденин башталышындыгы алты күн), Адынын алты уулу (чилде ортосу, алты күн), Жединин жети уулу (чилденин андан кийинки жети күнү), каңтар (кыш ортосу), үт (чилденин күчүнүн кетиши, он беш күн), апкыт-сапкыт алты күн (бирдин айынын орто чени), токсон (кыштын токсон күнү, ал чыкканда томуктай тоң калбайт), амал айы (жаз келип, дарак бүчүр алган, жерден тап келген, парандалар сайрай баштаган, кезенделер жер бетине чыккан кез), жай чилдеси: чымыран, буулан-дуулан, толгон (мийзам), саратан (эң ысык кез), асат (саратандын да ичиндеги аябай ысык, буудайды бышырчу күндөр), сайроон ж.б.

Муну А.Темиркулов бир топ так берет[26], мисалы, Чилде:

Кырдач – 6 сутка: 12-январдан башталып, 17-январда аяктайт.

Адынын алты уулу – 6 сутка: 18-январдан башталып, 23-январда аяктайт.

Жединин жети уулу – 7 сутка: 24-январдан башталып, 30-январда аяктайт.

Каңтар – 1 сутка: 31-январда.

Үт – 14 сутка: 1-февралдан башталып, 14-февралда аяктайт.

Апкыт-сапкыт – 6 сутка: 15-февралдан башталып, 20-февралда аяктайт.

Бардыгы 40 сутка. 20-февралда чилде бүтөт.

5-март – Суурдун чыгышы.

10-март – Аюунун которулушу.

15-март – Кемпирдин кейиши.

Ошентип, кыргыздардын табиятты байкоосу, эсепчилик билими астрономия илими жана телескоп пайда болгонго чейин эле болуп, алар асмандагы жылдыздарга жана жылдыздар тобуна эне тилдеринде ат койгон, тиричилигин Үркөр менен Айдын тогошуна карап ылайыкташтырган, он эки мезгилге кыргызча ай аттарын берген жана мүчөлдү ойлоп тапкан.

Ысык-Көл тарапта Манаке жайчы (Айманбай уулу) Кызыл-Кыя, Кызыл-Омпол шамалдарынын багыттарына карап, жан-жаныбарларды байкап, эмпирикалык метрологиялык прогнозун билдирчү экен. Бир күнү уулу Чылпакка быйыл кыш катуу болгудай, эки бээңдин эти түшө элек кезинде бирөөн базарга сатып, балдарыңа кийим кыл, экинчисин согумга союп ал дейт. Айткандай эле кыш катуу келип, эки бээ тең бороондон буюгуп, көтөрөм болуп өлгөн экен. Дагы бир жолу Тогуз-Байда Тынай деген киши, таруу сээп атса, Манаке өтүп калат, андан «Кеч айдап атам, таруум бышабы, бышпай калабы» десе, Манаке «Түшкө чейинки айдаганың көжөгө жарар, түштөн кийинкисин үшүк алаар» деп өтүп кетиптир. Күздө Манаке айткандай эле болот. Көрсө ал күн күкүктүн тили так каткан күн экен. Дагы бир жолу Кыдыр акеге жайында эле кыш катуу келерин айтып, Күңгөйдү кыштоого калтырып, Тескейди жайлагыла дейт. Бул жолу да айткандай болот.

Кочкор тарапта «Ымандан Ырай чыкты, арадан бир ай чыкты» деген ылакап айтылат. Ал мындай болот: көпчүлүк кайсыл бир окуянын качан өткөнүн чечүүгө отурат, Айсанак менен, мүчөл жылдар менен чечишет. Бир гана Ыман уруусунан чыккан Ырай ынанбайт. Силер айткандан дагы бир ай ашык өттү дейт. Кумалактар менен бир айда канча күн бар экенин санап-санап берсе, баары туура – бир айды кем эсептешкен экен. Ошондо жанагы сөз калат. Бул тууралуу К.Сейдакматов жазат: «Ырайдын эсеби Ай календарына негизделип, Күн календары боюнча жүргүзүлгөн эсепке карама-каршы коюлган болуу керек. Айталы, Күн календары боюнча эки жарым жылдан бир аз өткөндө Ай календары бир азга озуп кетет, ал эми 32 жарым жылда бир жылга алдыга кетет. «Арадан бир ай чыкты» дегенине караганда, Ырай далилдеген дата эки жарым жыл мурда болгон окуяга байланыштуу деп айтууга болот»[27].

Кочкор өрөөнүндө жашап өткөн Эсенбай эсепчи кыш чилденин чыгышын төрт түрдүү болот деп, аларга төмөнкүлөрдү көрсөтүп кетет: «Биринчи, «Кырк жигит» кетет деген. Бул 19-январдан 2-февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну «Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат» деп коюшат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болуп кар кайта-кайта жааса «Жыл жаанчыл жакшы болот экен» дешет. Эгер кырк жигит кетип жатканда күн жылымык тартып, кар жаабай калса, «Жылды кудай урат го. Жыл кургакчыл болуп жер түшүм бербей кыйынчылык болот окшойт. Жигиттер жигит мүнөзүн көрсөтпөй мылжыңдап калды» дешет. Экинчи, 2-февралдан баштап «Кырк кыз» кете баштайт. Кырк кыз 2-февралдан 14-февралга чейин кетет. Кырк кыз кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе, бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса, бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй мүнөз кылык көрсөтөт. Муну «Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын» дешкен. Кырк кыз чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап бирде күн ысып кар ээрип, жаз келгендей болуп жаркыраса «Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы» дешкен. 14-февралдан баштап 26-февралга чейинки убакытты «Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили» дешкен. «Ыйлаак кемпир биринчи жумада жыла басып жумшак карап кар аралаш жамгырлатат. Короо сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет.

Өркөчү менен тайлак калыптыр, кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Куйругу менен козу калыптыр, кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Эмчеги менен кыз калыптыр, кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр, кокуй

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Очок кучактаган чалга алым жетпептир, кокуй

Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир, кокуй

Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…

Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын

Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин,

Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… – деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш. Ыйлаак кемпир «Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам» деп шерт кылып келет тура. Ошондуктан жогорку ырды ырдап жатат да. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. «Келерки жылда дагы келээрмин…» деп жатпайбы.

«Ыйлаак кемпир» борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, «Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт» дешет. Эгер ыйлаак кемпир (20сынан 26-февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса «Силердиби, мени кетти дебегиле, 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз» деп, кекенип кетет имиш. Жанагы апрелде, ал түгүл май ичинде кар жаап, үшүк жүргөндү кыргыздар «Оңбогон «ыйлаак кемпирдин» бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти» дешет. 26-февралдан 11-мартка чейин «Токсондогу чал» кетет. Бул мезгилде бирде күн жылуу болсо, бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну «Токсондогу абышка онтоп ары-бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат» деп коюшат. Ошентип 11-марттан кийин кыш толук кетип, жаз келди болот. Бул төртөө кетип жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары-бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот. Бирок токсон түшүп аткандагыдай 7 күнгө чейин жылышпайт. Мына ушул 12 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон»[28].

Эсенбай эсепчи бизге жеткирген эсепчиликтин салттары боюнча алар кыш мезгилиндеги күндөрдү адамдын курак өзгөчөлүктөрү, мүнөздөрү, жүрүш-турушу (кыз, жигит, кемпир, чал, абышка) менен салыштырат, алардын ортолорундагы окшоштуктарды табат.

Элдик оозеки чыгармачылыкта кыргыздар табияттын көрүнүштөрүн, мезгилдерди да адамдай көрүп, аларды бири-бири менен сүйлөштүрөт. Чилде кырдачына мындай тапшырма берет экен:

Жаным  кырдач  камчылан,

Кайрат кылып, алчылан,

Мал майлуу калды,

Баарысы жайлуу калды,

Төө комдуу калды,

Кой жондуу калды,

Бука булкунуп калды,

Буура жулкунуп калды,

Жылкы жыйылбай калды,

Чыңырыгы тыйылбай калды,

Кысыр эм жалдуу калды,

Кыз эмчектүү калды,

Боз улан богоктуу калды,

Боз токту куйруктуу калды ж.б.

Элдин эсепчилер элге ар кандай өткөн окуяларды тактап гана бербей, алдын ала аба ырайы кандай болорун да эскерткен. Мисалы, 2000-жылы 5-октябрда Ош шаарынын 1000 жылдыгы белгиленген. Ошол күнү жамгыр көнөктөп жаап, күн ачылбай, коноктор да, оюн көрсөткөндөр да аябай кыйналган. Себеби бул күн ай арасына туш келген. Мына ошондон сабак алып Курманбек баатырдын 500 жылдыгын Жалал-Абад шаарында өткөрүүдө, эки жыл кийин, негизги оюн-зоок өтө турган күндү ай арасынан да, тогоол күндөрүнөн да алып качып белгилешкен, натыйжада, күн ачык болгон.

Айга карай адамдар өз ден соолугун карашкан, чарба жүргүзгөн. Ай арасы эки күн Ай тууп атканда – жаан-чачын, шамал менен коштолот, адамдардын эски оорулары козголот, Ай толгон учурда да үч күн адамдар кыйналат, ооруйт, анан кертиле баштаган кез да кыйла оор болот, бул мезгилде мөмөсү жер астында калуучу өсүмдүктөр гана эгилет. Аба ырайындагы өзгөрүүлөр тогоол күндөрү да кайталант, жер силкинүүлөр, сел, ташкын да ушундай учурларга туш келет.

Мына ушул элдик календарды А.Калыбеков «Үркөр-Ай жылсанагы» деп атоону сунуш кылат[29]. Буга ал 1997-жылдан бери биздин башкы университетинде жүргүзүп келген изилдөөлөрүнүн жыйынтыгынан улам келген.

[1] Жумаев Т. «Үркөр» жылдызын же «тоголду» жакшы билүү керек // Тарыхый мурас, 2010. – 15-янв.

[2] Жумаев Т. Кыргыз элинин «Ай-Күн» календары. 2-бас. – Б.: Кутбер, 2014. – 15-22-бб.

[3] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 8-б.

[4] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б. Бийиктик, 2003. – 156-б.

[5] Оморов А. Ата-бабалардын жыл санаты // Китепте: Ата-бабалар табериги: Кыргыздын адеп-ахлак, салт-санаа, үрп-адат жана жөрөлгөлөр жыйнагы. Түз.: М.Каримов. – Б.: Бийиктик, 2011. – 576-б.

[6] Жумаев Т. Кыргыз элинин «Ай-Күн» календары. 2-бас. – Б.: Кутбер, 2014. – 6-б.

[7] Өмүрбай М. Кыргыз ай эсепчилиги // Ала-Тоо. – 2015. – №3, март. – 152-б.

[8] Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 13-14-бб. (Таблицага биз келтирдик)

[9] Өмүрбай М. Кыргыз ай эсепчилиги // Ала-Тоо. – 2015. – №3, март. – 152-б.

[10] Солтонов Б. Кыргызда жыл эсеби / китепте: Кыргыздар 14 томдук. 6-том. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: Бийиктик, 2011. – 106-135-бб.

[11] Карамолдоев Ж. Кыргыз айсанагынын жаралышы, «Манас» ж.б. эпосторуна, табияттын ар түрдүүлүгүнө таандык  // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 516-517-бб.

[12] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 42-б.

[13] Өмүрбай: Ай санак – бул чоң илим. Маектешкен А.Темирова. «Азаттык», 2014. – 27-январь. http://www.azattyk.org

[14] Сарыгулов Д.: «Тогоол – бир гана кыргыз элине таандык!» // Обон, 2011, 18-январь

[15] Айрым гана маалыматтарды карап таблицаларды (№….) биз түздүк. Бош калган жерлерди маалыматчылар айткан эмес

[16] Карамолдоев Ж. Кыргыз айсанагынын жаралышы, «Манас» ж.б. эпосторуна, табияттын ар түрдүүлүгүнө таандык  // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 519-б.

[17] Оморов А. Ата-бабалардын жыл санаты // Китепте: Ата-бабалар табериги: Кыргыздын адеп-ахлак, салт-санаа, үрп-адат жана жөрөлгөлөр жыйнагы. Түз.: М.Каримов. – Б.: Бийиктик, 2011. – 577-578-бб.

[18] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 26-б.

[19] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 29-30-бб.

[20] Жумаев Т. Кычыраган токсон күндүк суук бүгүнтөн тарта башталат // Sputnik Кыргызстан, 2015, 13-дек.: http://sputnik.kg/ society/20151213/

[21] Абыкее уулу Ч. Токсондун түшүшү, чилденин чыгышы 3 Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 18-б.

[22] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 16-б.

[23] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б.: Бийиктик, 2003. – 156-б.

[24] Кыргыздар. Он төрт томдук. 12-т. Түз.: К.Жусупов ж.б. – Б.: Бийиктик, 2011. – 50-б.

[25] Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. – Б.: Педагогика, 2001. – 15-б.

[26] Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 14-б.

[27] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 33-б.

[28] Абыке уулу Ч. Токсондун түшүшү, чилденин чыгышы

[29] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 9-б.

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨӨ

Эл тиричилигинде көктөгү жылдыздар бир катар кызматтарды аткарган:

  • Түнкү асманда жол табуу, адамдарды адаштырбоо.
  • Багытты аныктоо.
  • Аба ырайына байкоо жүргүзүү (метерологиялык кызмат).
  • Адамдарды, же жакшы көргөн жаныбарларын, алардын дене мүчөлөрүн, бой-келбетин салыштыруу («жылдыздай жанган», «жылдызым», «чолпонум» ж.б

«Айга карай адашсаң, атыңды Алтын Казыкка байла» дешип, Айдын бир орундан жылып кетээрин, ал эми Алтын Казык жылдызы жылбай турарын белгилейт.

Кыргыздын атаган жылдыздары: Алтын казык, Темир казык, Аркандаган ат, Тараза жылдыз, Мерген мылтыгы менен ити, Үркөр (Үркөрдү Элек жылдыз деп да атаган), Толтойдун огу, Үч аркар, Чоң Жетиген, Кичи Жетиген (анын тегерегиндегилери Ак боз ат, Көк боз ат), Сары жылдыз, Сыңар мүйүз, Чолпон, Балбылдак жылдыз, Саманчы жолу, Кош өгүз, Тоотай, Көнөк, Укурук, Көөкөр, Босого, Чоң дөбөт, Керген сабаа ж.б. Жылдыздарга ат берүүдө жердин туруп караганда алардын эмнеге окшош экендиги биринчи орунда турган, мисалы, Саманчынын жолу – саман көтөрүп бара жаткан адамдын артынан саман себеленеп барган сыяктанат, Алтын казык – жаркырак (алтындай) жана ордунан казыкка каккандай жылбай турат.

Бул жылдыздардын ар биринин пайда болуш уламыштары, мифтери да айтылып келет.

Жылдыз төлгөө же гороскоп тууралуу да элдик билимдер бизге келип жетти. Зодиак белгилерине карай иштелип чыккан. Анда адамдын кайсыл жылы (Кой, Маймыл ж.б.), кайсыл күнү (Дүйшөмбү, Жума ж.б.) эсептелип чыккан.

«Манас» эпосунун В.В.Радлов жазып алган вариантында Таргыл чал жылдыз төлгөө ачып, Жолойго мындай насаат айтат:

Жылан жылы жылсаңчы, Жылкы жылы о жерде, Барып уруш салсаңчы[1].

Демек, Жолой үчүн жолдуу жылдар – Жылан жана Жылкы.

Коңурбайга төлгөөчүлөр мындай мүнөздөмө берет:

Капырлыгы болбосо,

Жылдызы жазык оң экен,

Капырлардын Коңурбай

Адамдан канча чоң экен (СК, 2010, 1, 1111)

Кыргыздар жылдыздарды багытты аныктоо үчүн колдонгон. Мисалы, «Манаста» Дагалактын шаарына кирүү үчүн багыт:

Жетиген жылдыз жол жакка,

Капкасынан өтөсүң

Дагалактын шаарынын

Ичине кирип кетесиң (СО, 166)

Артына жаңылбай качуу үчүн көрсөтүлгөн багыт: Кут жылдызды бет алып,

Куюлуп качып калды деп (СО, 270) Адамдын кайсыл жакта турганын аныктоо үчүн:

Жердин бети ошондо,

Ачык жарык көрүнүп,

Кан Бакай турган кутпа жак

(СК, 2010, 1, 236)

Адамдын психологиялык абалы менен жарыш көрсөтүү үчүн:

Ичим-тышым чок кылып,

Көктөн көк найман жылдыз тутулуп

(СК, 2010, 1, 828)

Мезгилдин, убакыттын кайсыл кези экенин билдирүү үчүн:

Беш аркар жылдыз баткыча,

Беш жолу кайра эмизген (СК, Сейтек, 114),

Тараза жылдыз батарда,

Таң сөгүлүп атарда (СК, 2010, 1, 983)

Тараза жылдыз бириндеп,

Бирөө калбай батыптыр,

Жакып ыргып турганда

Таң кашкайып атыптыр,

Жерге жарык тийиптир (СК, 2010, 1, 91)

Таң саргарып көрүнүп,

Төбөдөн жетиген жылдыз бөлүнүп

(СК, 2010, 1, 236)

Жылдыздарды адамдардын тагдыры, жашоосу менен окшотуу үчүн:

Ободо чынар жылдыздай

Жошулушуп алды эми

(СК, Семетей, 1, 427)

Асманда мунар жылдыздай,

Болжош алды дебейби? (СК, Сейтек, 141).

Элдик эпикалык дастандагы каармандар көктөгү жылдыздарды болжоо кылып, убакытты белгилегендиги мындай ыр жолдорунда да аныкталат:

Ободон жылдыз болжошу,

Байчоро менен Чалыбай,

Баатырыңдын жолдошу (СК, 2010, 1, 236)

Демек, жаш чагынан эле балдар да, өзгөчө аскер өнөрүнө машыгууда жылдыздардын ордун, жылышын, чыгышын, батышын кылдат үйрөнүшкөн. Мындай билимдерсиз алардын жашоосу кыйын болуп, көп нерседен артта калган. Ал эми аскер иштеринде, чалгын чалууда жылдыздарды кароо өзгөчө орунда турган. Эсепчилер:

Түн болсо жылдыз санашып,

Күн болсо жолун карашып (СО, 620), – колдун же адашкан адамдардын багытын аныктап берген.

Жогорудагы мисалдардан эле кыргыздардын элдик космогониялык билиминде жылдыздарга ат койгондугун жана «Манас» эпосунда төмөнкүдөй аттарда колдонгондугун аңдап билүүгө болот: Жетиген, Кут жылдыз, Кутпа, Көк найман, Беш аркар, Алты аркар, Тараза,  Чынар жылдыз, Мунар жылдыз.

«Манас» эпосунун тексти менен таанышканда манасчылар ай, жыл аттарын атоо менен мезгилди тактап, боло турган окуянын так датасын көрсөтүп берет. Мисалы, Жусуп Мамайдын варинантыда: Казактан төрт, беш бала таап,

Тогуздун айы он беши,

Жылкыны күдүр айдаса

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 14).

Таң сүзүлүп агара,

Аралашып кошо ага

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 15).

Күн козу түш кезенде

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 15).

Жылдыз такта мезгилде,

Катын, балаң ээрчитип,

Алды жаккы көрүнгөн,

Талаанын үстү секиге,

Ошол жерге келе кал

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 22).

Таң агарып аткыча,

Даяр болуп калайын

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 25). Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда. Тоодо улар чакырып,

Токойдо элик бакырып.

Көзү көрдү кыйланы,

Жердин бети ачылып

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 27).

Кечээ күнү түш менен,

Түш кыйыган кез менен (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 30).

Айылга келдим мен араң,

Эл жатып алган мезгилде (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 30).

Ал алтүндө бир мезгил,

Сага кабар салайын (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 32).

Эрте турдум таң менен, Таңдын сонун шамалы,

Жүрүп жаткан маал менен (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 32).

Кечээ күнү бешимде (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 33).

Эртеңки күнү таң менен,

Күндөн мурун аттанып (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 39).

Жердин бети ачыла,

Күндүн нуру чачыла (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 45).

Жыл он эки ай өттү (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 134).

Айланып кара кыш жетти (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 134).

Эл жайлоодон кайтканда,

Аяк оона айында (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 238).

Эртең менен болгондо,

Элдин баары турганда (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 242).

Жашарып жайлоо толуптур,

Эл келер кези болуптур (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай,

Б., 1995, 243). Мезгилди жайлоого карата билүү

Айга он беш күн болсун,

Болжолубуз бул болсун (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай,

Б., 1995, 248), – деп Канчоро менен Кыяс Семетейди колго түшүрүүнү боолголошот.

Той берүчү, аш берчү, Маалы элдин болуптур.

Саргарып эгин бышыптыр,

Алманын шагы ийилип,

Кыргыек учар табы экен (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 251).

Он беши жакын болуптур, Ортосу айдын толуптур.

Сайрап жатып, так чарчап,

Күкүктөрү солуптур (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 252).

Мийзам учуп, кыш түшүп (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 252).

Эл күздөөгө түшкөндө (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 253).

Мындагы мезгил-маалдар:

Таң сүзүлүп агарган

Күн козу түш Жылдыз такта мезгил Таң агарып аткыча.

Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда.

Тоодо улар чакырган кез

Токойдо элик бакырган учур

Жердин бети ачылган убак

Түш менен, Түш кыйыган кез Эл жатып алган мезгил.

Ал алтүндө бир мезгил.

Таң менен,

Таңдын сонун шамалы, Жүрүп жаткан маал.

Кечээ күнү бешимде

Эртеңки күнү таң менен,

Күндөн мурун

Жердин бети ачылган,

Күндүн нуру чачыла кез

Эртең менен болгондо,

Элдин баары турганда.

Жыл мезгилдери жана күндөрү:

Тогуздун айы он беши, Жыл он эки ай өттү Айланып кара кыш жетти.

Аяк оона айында

Айга он беш күн болсун Той берүчү, аш берчү, Маалы элдин болуптур.

Саргарып эгин бышыптыр, Алманын шагы ийилип, Кыргыек учар табы экен. Он беши жакын болуптур, Ортосу айдын толуптур. Сайрап жатып, так чарчап, Күкүктөрү солуптур.

Мийзам учуп, кыш түшүп.

Эл күздөөгө түшкөндө. Жашарып жайлоо толуптур, Эл келер кези болуптур.

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай кыргыздар убакытта көрсөтүүчү сааты, кагаз календары жок эле мезгилди, маалды туюндуруп бере алгандыгын «Манас» эпосунун мисалынан так көрүп жатабыз.

[1] Радлов В.В. Образцы народной литературы северных тюркских племен.  – с. 210

ЖАЙЧЫЛЫК БИЛИМИ

Керектүү учурда кар жаадырып, керек учурда күн ачык кылган жайчылык өнөрү жана илим-билими тууралуу да элдик оозеки баяндарда айтылат, дастандарда андай кишилер болгондугу белгиленет. Алар негизинен жай таш колдонгон. Жай таш деп ача туяктуулардын: уйдун, койдун карынынан табылган ташты айтышат. Мына ошону колдонуп жайчылар аба ырайын өзгөрткөн: кургакчылыкта жаан жаадырган, кар көп жааса, токтоткон ж.б. Жай ташты колдонгон айрым жайчылар кырк чыбыкты дубалап туруп сууга салган, андан кийин дагы төрт жолу дуба окуп, мүрзөдөн топурак алып келип, аны абага чачып, дагы кырк жолу дуба окуган. Жайчылык касиет койду сойгондо ким анын карынынан таш таап алса, ошол кишиге өтөт деп айтылат. «Манас» эпосундагы Алмамбет жашында Аберген деген ажыдаардан жайчылык өнөрдү үйрөнүп, душмандарды суукка тоңдурат, өзү жактагыларды эсен-аман ат өтө албас суудан өткөрөт.

Жай таш тапканы тууралуу манасчы Жусуп Мамай мындай эскерет: «1962-жылы «Манасты жазасың» деп Кара-Булакка алып барып койду. Жайдын толуп калган кези эле. Турсам оодандын чоңдору, азыркы Бактиярдын атасы Мамбетказы дагы бар. Кара-Чийден өйдө саясий кеңештин жыйынын Кара-Булакта ачабыз деп калышты. Мамбетказы ал кезде Улуу-Чат оодан башчысы болчу. Кечиндеси өтүп баратсам эшиктин алдында бир топ кой байлануу турган экен, бир койду барып эле карап калдым. «Эмне уурдап алайын деп атасыңбы?» – деп бирөө тамашалады. «Мына бу боз койдун ичинде жай таш бар экен. Жетиге жете элек беш экен, керекке келчү кези экен» деп өтүп кетип калдым. Жай таш ача туяк малдан уй менен койдон көбүрөөк чыгат, малдын жумурунун туюк башында болот. Иса мурда Кара-Булактын башчысы эле. Иса менен Сулайман менин жай ташыма күбөчү болуп калган. Иса азыр да бар. Жай таш үч түрдүү болуп так болот үч же беш же жети болот. Жети болсо эң жакшы болот. Жай ташты оңойлук менен киши билбейт. Кечинде элдин өтүнүчү, келген башчылардын салаасы менен элге Манас айтып бердим.

Алдыма койгон сары майды Байгазы уста уурттатып отурду. Эртеси жыйын болуп калды. Бир маалда Иса менен Сулайман (Исакбектин астында аскер болуп жүргөн кишилер экен) экөө ташты көтөрүп кирип келди. Областын жетекчиси Сей деген кытай болчу. «Бул кандай сөз? Жыйын ачсак бирөө бышкырам, бирөө чүчкүрөм, дагы бирөө заара кылам» – деп тынчыбайт. Кечинде Манас айтса талаага бир да адам чыкпады» деп калды. «Бул киши Манас эле эмес жай ташты да билет экен» – деп сөз кылышты. Аалы бакшы деген бар эле. «Мындай кылгылачы» деп алып көрүп, анык жай таш экен, так экен адам колуна түшкөндөн кийин деги эле жетиге жетпейт. Муну жөн жай, тынч эле окуса болот экен. Жай ташты ороо казып суу толтуруп окуйт. Жай таш эгер жетиге жетсе атка минип жүргөн кишинин астына жаадырып аркасын кургак кылып же бир капталына жаадырып, бир капталын кургак койгонго болот эле» – деп, ошол Аалы бакшы айтты. Ошол бакшы «жай ташты кургак окуганда шамал күчтүүрөөк болуп, элге зыяндуураак болуп калат, сууга түшүп өлчөмү менен окуганда жакшы болот» – деп айтып отурду. Ал кезде бир ооданда бир эле Джип машина бар эле. Орозо Айдарбек машина менен бизди Аксууга алып жөнөдү. Сулаймандын кызыл күмбөздөгү балдызыныкына конуп калдык. Инимди алып мен да Ак-Сууга ошолор менен бараткамын. Жай ташты ошол кызыл күмбөздөгү Сулаймандын балдызына каттырып койгон бойдон унутуп калып, кийин келсем балдызынын көзү өтүп кетип, жай таш ошол бойдон жоголду[1].

«Манас» эпосундагы жайчылык өнөр тууралуу көптөгөн мисалдарды табууга болот:

Азизкандын жалгызы,

Карыкандын жай ташын

Чап жанынан алды эле, Бир чөйчөктөй кара суу Кур дегизе салды эле.

Жаканын баары жамгырлап,

Бөксөнүн баары мөндүрлөп

Жайдын күнүн кыш кылды           (СК, «Манас», 2, 194).

Коңурбайдын сакчысы Мурадыл да жай ташын көлгө салып, «булут ээси Буураканды, жердин аты Желшамалды чакырып, жайдын күнүн кыш кылат» (СК, «Манас», 1989, 2, 152). Жайташ моңголдордо «жада», «яда», казактарда «жайтас», якуттарда «сата» деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөрү белгиленет[2].

Эпосто кыргыздар менен бирге эле алардын душмандары да жай ташты кеңири колдонгондугун көрөбүз.

Жусуп Мамайдын вариантында Музбурчак уулу Аккубак жайчы суук Шиберге барганда күндү дубалап, анжудан элүү миң адам суукка тоңуп өлөт, Алмамбет уулу Гүлчоро да асмандан жамгыр жаадырат (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 73). Алар теңдешсиз жоону жайчылык билими менен жеңип чыгышат.

Түндүк түрк урууларынын оозеки чыгармаларын жана «Манас» эпосун изилдеп жүргөн немец түркологунун эскерүүсүнө караганда ал 1861-жылы Алтайда Абаканга жакын жерде катуу жамгыр жаап киргенде төөлөс уруусунан бир жайчы жай ташын алып чыгып, бир кашык дары алып отко күйгүзүп, эки колун абага жайып, мындай айтым менен кайрылган экен:

Кайракан, Кайракан, Алас! Алас! Алас!

Алаканча ачык бер, Теменече тешик бер.

Ыйык кишинин үрөнүмүн,

Кедир жыгач уругумун

Абу, Тобу кийдирген,

Өлгөстөй, Кулдурак кыйкырган Теңирдин киндиги жерде, Жердин киндиги көктө! Таш жыгач майды жактым, Теңирдин жолун ач!

Алаканча ачып бер!

Теменече тешик бер.

Бийик тоону жандап өт! Абакандын башынан өт! Улуу кан! Улуу кан!

Алас! Алас! Алас![3]

Манасчы жана окумуштуу Талантаалы Бакчиевдин мындай деп жазганы бар: «Кыргыз элиндеги жайчылык касиетти бүгүн да кездештиребиз. Бул тууралуу биз ЖетиӨгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, жайчы Жамгырчы кызы Калыйман Данакееваны (1940) мисалга келтирели. 2008-жылы «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан Талас облусундагы Нылды-Ата мазарында өткөрүлгөн «Рух көрөңгөсүн сактайлы» аттуу семинардын катышуучусу Калыйман Данакеева элдин өтүнүчү боюнча дөбөгө чыгып, арканды колдонуу менен күн өзгөртүп, жамгыр жаадырганына семинардын бардык катышуучулары күбө болушкан (04. 06. 2008-ж.).

Ысык-Көл районундагы Темир айылынын тургуну Шайакун кызы Мырзакан  Сатылганованын (1951) айтуусу боюнча, тайкеси Садыр Табылды уулу (Мырзакандын энесинин бир тууган агасы) атактуу жайчы болгон. Ал өмүр бою Жети-Өгүздүн Чычкан айылында туруп, кийин гана жашы өтүп калганда Каракол шаарында балдары менен туруп калган. Айылдыктар Садырды тергеп, «аке» дешчү. Кургакчылык мезгилдерде Садыр чоң таштын үстүнө чыгып, дуба окуп күндү жайлап, жамгыр жаадырчу экен. «Жайчы Садыр Улуу Ата мекендик согуш жылдары (19411945) каза болгон» дейт жээни Мырзакан. Анын көзүнүн тирүүсүндө үйүндө турган даарат алчу кумганына кут түшүп, кийин таштай болуп уюп калган. Азыркы күндө да ал кут балдарынын үйүндө бекем сакталып турат. Жээни Мырзакандын дагы бир айтуусу боюнча, Садыр өтө окумал, сабаттуу киши болуптур. Анын үйүндө араб арибиндеги көптөгөн эски китептер ар дайым бийик текчеде турчу дейт»[4].

Түрк-монгол эпосторунда, анын ичинде «Манас» эпосунда айтылган, чагылдырылган жайчылык бул эмне? Адамдын илим али толук ача элек касиетиби, же фольклордогу фантастикалык-мифологиялык, жомоктук мотивдерби? Же диндин, илимдин чагылышыбы? Эмне үчүн эгер ал жалган, чындыкка дал келбеген мифтик көрүнүш болсо, салттуу билимдер тууралуу эмгегибизге киргизип отурабыз? Эгер фольклордук тексттерди миф, легенда деп танып койсок, жогоруда эки манасчы – 20-кылымдагы Жусуп Мамайдын жана 21-кылымдагы Талантаалы Бакчиевдин өздөрү аралашкан, өз көзү менен көргөн окуяларын кандай кылабыз? Т.Бакчиев айтат: «жайчылар күн жайлагандан сырткары кошумча дагы башка өнөрлөрдү алып жүрүшкөн, мисалы: төлгө ачуу, алдын ала айтуу, алдын ала көрүү же сезүү ж.б., … жайчылык жана анын тегерегиндеги маселелер келечекте жакындан байкоо жүргүзүүнү, изилдөөнү талап кылат. Ал эми буга карата маанилүү бир нерсени эске алуу абзел, бардык эле жайчылар өздөрүнүн касиетине ар дайым күбө катыштыра бербейт жана баарына эле касиет сырын ача бербейт, бул түшүнүктүү. Себеби, бул касиет адамдын аалам, табийгат мыйзам ченемдерине кийлигишүүсүн, өзгөртүшүн талап кылат»[5]. Демек, анда кандайдыр бир билимдин (жай таш кайсыл малда (кой, уй) бар экенин билүү, жай ташты табуу, башка таштардан ылгоо, кандай дубаларды колдонуу ж.б.) болушун талап кылган татаал сырлар жатат.

[1] Мамай Ж. Жусуп Мамайдын жай ташы. Жазып алган Ч.Субакожоева // Алиби, 2013. – 10-май

[2] Алиев С. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. – 1995. 194-195-бб.

[3] Мамытбеков З. Отражение жизни и борьбы кыргызов в эпосе «Манас» / китепте: «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. – Ф.: 1966. – 75-77-бб.

[4] Бакчиев Т. Жайчылык: адамдын аба-ырайын өзгөртүү касиети // «Көк асаба», 2012, 8-февраль.

[5] Бакчиев Т. Жайчылык: адамдын аба-ырайын өзгөртүү касиети // «Көк асаба», 2012, 8-февраль.

 

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМДЕР

«Манас» эпосу – элдик чыгарма, демек, анда элдик педагогиканын эреже-нормалары, элдик эмпирикалык билимдер жана тажрыйбалар чагылдырылган. Бул тууралуу этнопедагогдор (Г.Н.Волков, А.Алимбеков, И.Бекбоев, С.Байгазиев, Б.Апышов, С.Иптаров, С.Рысбаев, А.Муратов, Т.Ормонов, С.М.Саипбаев, Б.С.Чыныбаев, Г.А.Абдымомунова, Ф.Баитова, М.Колдошев ж.б) өз пикирлерин айткан. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарынан тарта этнопедагогика илим катары Кыргыз ССРинде да педагогдордун кызыгууларын арттырып, Талип Ормоновдун байыркы кыргыздардын педагогикалык көз карашы («Манас» эпосунун мисалында) боюнча эмгеги жана анын ушул темадагы 1972-жылы Казань шаарында корголгон диссертациялык изилдөөсү, ошол эмгегинин негизинде «Семья и школа», «Советская педагогика» аттуу абройлуу журналдарга басылган макалалары[1] кыргыз эли балдарды кантип жоокерчиликке, эли-жерин коргоого тарбиялагандыгы, калк тарбиясынын башкы багыты кайда бурулгандыгы «Манас» эпосунун негизинде сөзгө алынган. Бирок Т.Ормонов дал ошол элдик тарбиялык салттарды изилдеп,

«Манаска» кайрылгандыгы, улуу эпостон улуу идеяларды «көрүп калгандыгы» үчүн «тиешелүү жерлерге» кайракайра чакыртыла берип, акыры ооруга кабылып, каза тапкан. Ошентип этнопедагог окумуштуу болуу советтиктоталитардык коомдо баталгага баш коюу менен барабар болгон, андыктан да «Манастан» өзгөчө С.Орозбаковдун вариантынан элдик тарбиялоо салттарын таап чыгып, аны илимге айтып берүүдөн окумуштуулар тайсалдап турган. И.Б.Бекбоев: «Элдик педагогика – бул эл тарабынан иштелип чыккан жана элдик оозеки чыгармачылыкта, салт-санаада, үрп-адаттарда, ырым-жырымдарда, оюнзооктордо, этнографиялык, тарыхый жана археологиялык материалдарда сакталып келген педагогикалык идеялардын жана тарыхый тарбиялык тажрыйбалардын чогуусу. Демек, элдик педагогика – бул улуттун сабаттуулугунун жана маданияттуулугунун башаты, анын уюткусу. …Элдик педагогиканын жоболору элдин өзүнүн турмуштук зарылчылыгынан келип чыгып, илимий педагогика пайда болгонго чейин эле ошол элдин башын кошуп, өнүктүрүп, өстүрүп, тарбиялап окутуп, ошол калктын өзүнүн жүзүн, өзүнүн наркын башка элдердин катарында калыптанышын камсыз кылып келген. Кыргыз элдик педагогикасынын нукура үлгүлөрүн, нукура жоболорун, кыргыздын улуттук педагогикалык (тарбия-таалим) берүүчү эрежелерин «Манас» эпосунан көрүүгө болот» деп жазат[2].

«Манас» – элди мекенчилдикке, эл-жерин сүйүүгө тарбиялоону биринчи милдет катары кийинки муундарды тарбиялоо менен анда элдик педагогиканын бардык эле түрлөрү, ар кыл формалары айтылган. Мисалы, ат коюу расымына көп хандыктан айтылуу адамдарды чакырышы жана алардын бул ишти моюнга ала албай тайсалдып турушу – педагогикалык чоң сабак. Кыпчактардан Байжигит, кыргыздардан Элеман, анжиандык Куртка чал, аргындан Каракожо, нойгуттардан Акбалта, ногойлордон Эштек, түрктөн Абдылда, өзүбектен Дамулда, катагандан Мунар бий ж.б. атактуу адамдар, хан-бийлер Жакыптан жаңы туулган баласына ат коё албай алдырап, жалдырап туруп калганда кайда-жайдан бирөө пайда болот.

Ак күлөлүү дубана

Асасы колдо шалдырап,

Кайдан келди жан билбейт, Пайда болду дубана, Байкап көрдү буларга:

«Сонундан тонду кийипсиз, Чогулуп баарың кирипсиз, Барбы мында жумушуң? Баарың бирдей сабыркап, Кандай токтоп турушуң? Айтыңарчы, угайын,

Оболу сизден сурайын», – Дубана жооп сурады.

Бердике берди жообун:

«Ат коюп берсең балага Алар элең, дубанам, Бул адамдардын сообун!

Бабасы Бакыр кан, – деди, –

Жакып деген бу киши

Баласыз жүргөн жан, – деди. –

Жерге сыйбайт малы көп,

Коюп берсең бир жакшы ат Кубангандай асман-көк.

Жеткен элүү жашы, – деп, – Жеке мерсент ушу, – деп, – Ат коё албай көпчүлүк

Камалып турган тушу деп» – деп, Бердике сүйлөп салганы.

«Берген болсоң уруксат,

Мен коёюн атын», – деп, Дубана сүйлөп калганы. «Ат коюңуз акыр», – деп, Адамдын баары чуу этти.

«Баш жагына «мем» келсин, –

Байгамбардын сүрөтү, Ортосуна «нун» келсин, – Олуянын сүрөтү. Аягына «сен» келсин, – Арстандардын боруму.

Арты кайдан кетти экен

Ал үчөөнүн оруну?» Окуп билди «Манас» деп, Оозуна келди шондой кеп.

Ат коюлду «Манас» деп, –

«Алла таала сактасан,

Ар балаадан калас!» – деп,

Бата кылды баарысы, –

Жашы менен карысы (СО, 1, 1978, 86-87).

Мына ушундан көрүнүп турган нерсе – ат коюу аземине атайын күбө катары адамдар чакырылган, ошолордун көзүнчө балага аты шыбырап айтылып, эң биринчи эне тилиндеги сөз багышталган, ысымдын мааниси чечмеленген. Кыргыздар ат менен адамдын тагдыры, келечеги чечилет деп ойлошкон. Же бала төрөлөрдө атасынын алыс барып турушу, сүйүнчү бериши, энесинин боюна бүткөндө жолборстун жүрөгүнө талгак болушу жөн гана байыркы мифологиялык окуялар эмес, аларда атанын мураскер уулун сүйүнүч менен күтүшү, берешендиги, жолборстун жүрөгүнө талгак болушунда адам менен табияттын гармониясы сыяктуу элдик тарбиялык салттар сиңдирилген. «Манаста» балдарды тарбиялоонун көп усулдары жана формаларын көрсөтүлөт, мисалы, бала Манас өтө кичине чактан Ошпур деген койчуга тарбиялоо үчүн берилет. Байлыгы ашып-ташкан хан Жакып эмне үчүн кенедей баласын алыстагы койчуга берип жатат? Бул келечекте баатыр болор баланын камын көрүү, бала канчалык алыс болсо, ата-энени, мекенди ошончолук сагынуу сезими менен өсөт; экинчиден, койчу баланы жумшап, эмгекчилдикке тарбиялайт, тамак-аш кайдан келерин бала жашынан түшүнөт. Бул ой тексттен мындай айтылат:

Баары сөзүн бай Жакып Байбичеге сүйлөдү:

–  Аңдасам балаң акыл аз, Жөнүн таппайт, дөөлөт мас,

Тил азар деймин, динге кас.

Мал азабын балага

Бир тарттырып көрөлү,

Жайлоодогу койчуга

Алты ай малай берели, Эркелетип олтурбай Катыктырып көрөлү.

Сөз айтууга жатыксын, Сөөгү бышып катыксын.

Малдын баркын билгизип,

Малай кылып киргизип,

Дүнүйө баркын билгизип,

Түк кап барып киргизип,

Ошпур деген койчу бар,

Оңдоп койсун ошолор (СО, 1, 1978, 91).

Көрүнүп тургандай, балада терс сапаттар («акыл аз», «жөнүн таппайт», «дөөлөт мас», «тил азар», «динге кас») пайда болуп, бала ошого калыптанып келе жатат, аны эми ушундайда оңдоо керек, аны үчүн бала «эркелебесин», «катыксын», «сөз айтууга жатыксын», «сөөгү бышып катыксын», «малдын баркын билсин», «малай барып кирсин». Кыргыздын тарбиялык эрежелери, кылымдар бою колдонуп келген этикалык кодекстери эми Манаска жардам берип, аны терс жолдон сууруп чыгып, оң жолго алып келиши керек. Жогорудагыдай эреже-нормалар эчен-эчен муундагы балдарды оң идеалдарга тарбиялоодо эмпирикалык сыноодон өткөн, турмуш тажрыйбасында эчен-эчен колдонулган, кристаллдай тазаланган ыкмалар. Кыргыз элинин жоокерчилик замандагы педагогикалык салтында эркек бала төрөлдүбү, демек ал – жоокер, элин жоодон коргоп турбаса, анын төрөлүшүнүн да, жашашынын да мааниси жок. Чыгармадагы бардык баатырлар элдик ошондой идеяларды алып жүрөт, Манас жаш чагынан өзүн баатыр, чечкиндүү, тайманбас болууга тарбиялайт, аны үчүн аскердик ыкмаларды үйрөнүп машыгат, Семетей болсо тай журтунда жүрүп өзүнүн ата журту тууралуу сүрүштүрүп, атасынын өчүн алуу үчүн өзүнө өзү кам көрөт, убада берет жана ал убадасынын өтөсүнө чыгат. Элдик ойдо каза (кайып) болгон баатыр эл алдында өз милдетин аткарып бүткөн соң анын ордуна ишин улары – уулу, туягы келет, бул жашоонун, өмүрдүн философиясы гана эмес кийинки муунду өстүрүү, тарбиялоо тууралуу элдик ой.  Кыргыз балдары кечээ бир кылым жакынга чейин эле «кырк жигит», «кырк чоро» деген түшүнүктөр менен чоңойгон, а түгүл 1941-45-жылдардагы согуш учурундагы оор ишке жумшалуучу балдарды да улуу муун «чоролор» деп атагандыгы Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде көрсөтүлгөн. Ошол эле жылдарда Москванын алдында немецтик баскынчылар менен күрөшүүдө полковник Баурыжан Момыш уулу негизинен кыргыз жигиттеринен бир батальон түзүп, аларды «Манастын батальону» деп атагандыгын жана алар ошол атты татыктуу алып жүрүшкөндүгүн Т.Ормонов жазат[3].

«Кырк чоро» түшүнүгү элдик баатырдын дастандардын («Курманбек», «Жаныш, Байыш», «Эр Табылды» ж.б.) дээрлик баарында учурайт. «Кырк» деген түшүнүк кыргыздын кырк уруусу, ал эми чоролор ошол ар бир уруудан аскердик камылгасы жетиштүү даярдалып, тандалып, сынактан өтүп келгендер дешет. Ал эми кырк чоронун ичине кирүү – кыргыз балдары үчүн сыймыктын сыймыгы, ал өзүнүн эле эмес бир уруунун намыс-арын, туусун көтөрүп жүрөт, баатыр болсо жалпы уруусуна, коркок болсо да жалпы уруусуна тийет. Андыктан да баатырдык эпостордо чоролордун кимиси кайсыл уруудан экендиги айтылган учурлар кездешет. Чорочулук – элдик коллективизм, уруулук ынтымактан жалпы улуттук ынтымакка көтөрүлүү тууралуу ойлорунун уюткусу. «Чоро» деген сөздүн өзү башкы аскер башчыга жакындыктын белгисин билдирген сөз болсо, «жигит» деген улуттук идеалда элди коргой турган, ар кандай тапшырмаларды аткара турган инсандык жетилгендиктин көрсөткүчү. Г.Н.Волков башкырларда, татарларда жана Кавказ менен Орто Азиянын элдеринде «настояший джигит» деген өз ишмердүүлүгүнүн чеги, өзүн алып жүрүүсүнүн кодекси жана жакшы айтылышы (тону) жактан орустардын «доброго молодца» деген сөзүнөн кыйла айырмалуу болорун жазат[4]. Мына ушул жигитчилик кыргыз баатырдык эпосторунда жетилген адамдын идеалы катары көрүнүп, балдарды жигит болууга үндөө, чакыруу, ошого жетүүгө тарбиялоо идеялары алдыга сүрүлүп чыгат. Азырга чейин тоолук кыргыз балдар бири Манас болуп, бири Сыргак, Алмамбет, Чубак болуп, Коңурбайларга каршы чыгып ойноп жатканын көрүүгө болот, соңку дүйнөлүк согушка чейин жоого кирген кезде чабуулга өтөрдө «Манастап» ураан чакырып келген кыргыз жигиттери четтен табылган. Манастын Алмамбет менен достугу – балдар үчүн достуктун идеалы болсо, башчыга берилгендиктин, ак кызмат кылуунун идеалдары Чубак, Сыргак аркылуу туюнтулуп келет. Кыргыз кыздары уздукту, акылмандыкты Каныкей аркылуу элестеткен учурлар көп болот. Аялзаты кыргыз дастандарында баланы ичинде сактап, талгагын көтөрүп, төрөп, тарбиялап чыгаруучулар гана эмес, алар адамды мекенчил кылууга, ата жолун жолдотууга активдүү таасир этүүчү фигуралар. Ошол эле кезде Каныкей, Айчүрөк, Акылай – акыл айтуучу, эркектерди туура жолго баштачу, а түгүл бүтүндөй уруу-уруктун саясий абалына атмосфера түзүп берүүчү күчтүү инсандар. Бакай болсо азыр да эл арасында нарктуу карылыктын, акыл-эстин ээси катары идеал тутулат, «Бакайдай кеменгер», «Бакайдай акылчы» деген сөздөр байма-бай эл кебинде колдонулуп, көрөсөн, эстүү кишилерди Бакайга салыштырат, «элдин Бакайы», «башчынын Бакайы», «хандын Бакайы», «айылдын Бакайы» сыяктуу кептер айтылып келет. С.Орозбаков айткан «Манас» эл турмушунун гана эмес, элдик оозеки чыгармачылыктын да энциклопедиясы болгондуктан, чыгарманын поэтикасында жоктоо, арман, керээз, учурашуу, коштошуу, ант, пейзаж ж.б. жанрлар, трагедия, комедия сыяктуу сүрөттөө формалары турат, алар жаш муундарды сөз дүйнөсүнө тарбиялайт. Кыргыз жеринин сулуулугу, табият көркү дастандын көп жеринде көрсөтүлүп, каарман өлгөндө «карагай ыйлайт, тал ыйлайт», бул болсо балдарды экологиялык тарбиялоого көмөктөшөт. «Эл массасынын мүдөөсү болгон өркүндөгөн инсанды тарбиялоого оң таасир тийгизе турган педагогикалык чөйрөнүн ролун баамдап түшүнгөн манасчылар адам табияттын бир бөлүгү экендигине көзү жетип, жаратылыштагы ажайып кооздукту, элдин көркөм фантазиясын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн, эстетикалык табитин өркүндөтүүчү эң күчтүү каражат катары пайдаланышат. Мейкин талааларды, кырларды, адырлуу дөңсөөлөрдү, аскалуу тоолорду, агыны катуу сууларды, Ысык-Көлдү, Тал-Чокуну, алардагы флора менен фаунаны, жаратылыштагы кереметтүү кооздуктун чар тарабын сүрөттөгөн эмоционалдуу фантазиясы менен манасчылар элибиздин акыл потенциалын өтө бийик көкөлөтүшкөн. Сагынбай менен Саякбайдын педагогикалык ишмердүүлүгүн адамды таң калтырып, тамшанта турган сыйкырчыдай чеберчиликке жеткирген өзгөчөлүк мына ушунда. Табият манасчылар өңдүү сыйкырчы педагогдордун колунда гана теңдеши жок күчтүү педагогикалык каражат, табият – улуу педагог»[5].

Кыргыз эл дастандарында жалпы уруунун генофондун сактоого өзгөчө маани берилет, Манас жары Каныкейдин Букардан алып келет, ал тажик кызы, Семетейдин зайыбы Айчүрөк болсо Ооган ханынын кызы, Курманбектин жубайы да башка хандыктын эрке кызы. Мына ушундай алыстан жубай табуу менен кыргыздар кан жаңылоого, тукумду башка элдин өкүлдөрү менен кошулуп, тазалоого маани бергенин көрөбүз. Келечектеги баласы баатыр, акылман болушу үчүн кыз тандоо, ар кандай сынактардан өтүү – кыргыз фольклорунда кеңири тараган ыкмалардан.

Мисалы, «Кожожаш» дастанынын башкы каарманы мерген жигит болочок жары Зулайкага жетүү үчүн толгонтокой оор тапшырмаларды аткарат. Элдик дастандарда достук идеясы күчтүү берилип, кыргыз балдарын доско бекем болууга, дос алдында антты, шертти кыйшаюусуз аткарууга чакырык көрсөтүлөт. Манас менен Алмамбеттин, Курманбек менен Аккандын достугу – мына ошондой досчулуктун, жолдошчулуктун үлгүлөрү. Кыргыздар азыр да аябай жакын досторду, ынак жолдошторду «Курманбек» дастанындагы каарманга теңеп «Аккан достор» деп айтып келишет. Кыргыз дастандарындагы достук бийик интернационалдык мааниге ээ көрүнүш катары көрсөтүлөт, «Манаста» башкы каарман анжиандык өзбек Санжыбек, түркмөндөрдөн Музбурчак, каракалпак Бердике, башкырлардан Жамгырчы, оогандардан Акун хан, кыпчактардан Эр Үрбү, казактардан Көкчө ж.б. башкаруучулар, журт башылар менен дос болот, алар менен ырыс-ынтымак кургусу келет, душмандарына да биринчи кол салбайт, алар менен дале дос болгусу келет, мына ушундай достук балдарды да интернационал болууга үндөйт. Кыргыздар досторду адамдар ортосунда гана көрсөтпөстөн, ат менен адамдын, ит менен адамдын, куш менен адамдын ортосунда да көрсөтөт, Манастын Аккула, Семетейдин Тайбуурул, Чубактын Көгала ж.б. баатырлардын жылкылар менен достугу чыгарманын тулку боюна терең сиңдирилип, ал инсандардын гумандуулугун гана көрсөтпөстөн эл ичинде минген атка өзгөчө культ бар экендигин тастыктайт. Элдик педагогикада гендердик мамиле сакталып, аялзатынын өзгөчө ролу көптөгөн чыгармалардын өзөгүн түзөт, мисалы, Каныкей, Айчүрөк, Айганыш ж.б. баатырлардын жарлары акылмандыктын, сулуулуктун үлгүсү болсо, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза баатырдыктын, эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү.  «Манас» баш болгон эпикалык дастандар балдарды окуялары, идеятемалары, образдары менен гана тарбиялабастан, көркөм чыгармалар катары кийинки муунду сөз өнөрүн урматтоого көнүктүрүп, эстетикалык табитин да тарбиялаган.

«Манас» эпосу – элдик фольклордук гана эмес, элдик педагогикалык да мурас. Анда кыргыз элинин балдарды тарбиялоо тууралуу идеялары сиңдирилген. Адамдагы оң жана терс, жакшы жана жаман сапаттар жөнүндө ойлорду дал ушул улуу дастандан тапкан. Бардык эле варианттардагыдай эле С.Каралаевдин вариантында да Жакыптын баласыз өмүр сүрүп келе жатышы көрсөтүлөт. Кыргыз эл педагогикасында эркек баласыз адам өксүк, башкаларга кошула албайт, өз канын токтоткон катары эсептелет. Андыктан бала табуу үчүн күрөш, тиленүү баарынан жогору турат.

Бай Жакып ыйлап берди эми:

Менин малым арбын, башым жок,

Ичим капа, тышым чок

Каран малга ээ болчу

Карасам эркек балам жок,

Же, менин бала тапчу чамам жок,

Топозум токсон миң болду,

Менин байлыгым журтка дан болду.

Менин малым түмөн, балам жок,

Жараткан себеп болбосо,

Менин андан башка чарам жок![6], –деп элдик идеалда баланын ар бир эркек үчүн зарылдыгы көрсөтүлөт. Бала бардык мал-мүлктөн жогору турат. С.Каралаев мына ошол элдик педагогикалык ойду Жакыптын тагдыры менен берип жатат. Анан ал балалуу болгонун сүйүнчүлөгөн Акбалтага «Боз айгыр үйүрү миң байтал», «Нардан чыккан төрт жүздү», «Уйдан берди төрт жүздү», ага да алымсынбай айтат:

Ой, Акбалта, абаке

Ушул сөзүң чын болсо,

Жылкыдан тулпар малымды ал, Аздык кылса бергеним Көөкөргө куюп канымды ал! Ырас болсо айтканың, Өгөөмдү таштап бүлөөмдү ал!

Экөөмдү таштап бирөөмдү ал!

Алтайга баштап айлымды ал,

Баламды таштап, зайбымды ал!

Мүлкүмдү жыйнап, бөзүмдү ал,

Оорубаса ой, абам,

Чукуп бир жак көзүмдү ал!

Айланайын Акбалта

Бир туткан пирим сен элең – Жанды кудай жаратат,

Ал баламды коргончо

Менин жаным чыгып баратат[7], –

деп, атанын кубанычын бир башкача эпикалык тереңдик менен айтат.

Эпостогу негизги өзөктүү линиялардын бири – баланы тарбиялоо, кыргыздар бала тарбиясын баарын жогору койгон. Жаш кезинде Манастын да тарбиясында кемчилдиктер кетирилет, ал атасынын карыганда көргөн жалгыз баласы болгондуктан чогоол, копол, тентек, адамдарга кас болуп калат. Ошондо атасы анын тарбиясын кайра башка нукка буруу керектигин түшүнөт.

Кетиресиң алымды,

Бул тентегин койбосоң Талатасың малымды.

Сенин тентектигиң сында жок, Теңдешип союл чабуучу Теңиз кыргыз мында жок.

Балам, биз тентип келдик Алтайга

Сенин тентегиң жетет далайга

Жөн жүрбөй сийип иесиң,

Кымыз куйган күбүмө, Куу балам жетет экенсиң, Капкайдагы түбүмө!

Бул тентектигин койбосоң

Козголоң салат уйкума, Эртең чабуул койбойбу Өрүштөгү жылкыма!

Кара кылаар токой жок,

Баана кылаар ногой жок.

Калмак зордук кылбайбы,

Бул тентектигин койбосоң

Жыйып алган үбүмө, Акыры жетет экенсиң,

Ушинтип жүрүп түбүмө![8].

Демек, баланын тентектиги атасы үчүн кайгы, азап. Ошол тентекти токтотуунун бир жолу – баланы алыста тарбиялоо, эркелетпей, эл ичинде болууга көнүктүрүү. Андыктан да ушул кенемтени толтуруу үчүн аны Ошпур деген койчуга берет. Алыс жерде болуу, киндик кан тамган жерин сагынуу – баланын инсан катары калыптанышына таасир этүүчү факторлордон. Мына ушундай тарбиялык процедуралардан кийин гана бала Манас Акбалта абасы айткандай «Береке ушу, бел ушул, калмак турмак канчага, кыргын салаар шер болот». Акбалтанын педагогикасы боюнча «Эркек бала шок болсун, мал багаар уул болгончо, бар болгончо жок болсун!»[9]. Эгерде Жакып бир өмүр мал багып, душмандан коркуп, мал туягын эсептеп жүрүп күн өткөрсө, Манас андай жашоону тандабады, ал – сырткы душманга каршы күрөшүп, Алтайдагы элин Ала-Тоого алып келди. Бул кыргыздардын «атадан артык уул» идеясына туура келет, демек, ал атадан артык чыкты. С.Каралаев бул аркылуу ар бир уул ушундай болсун деген педагогикалык идеяны берет.

«Бир күнү Манас оолугуп, койчуларды сабады, жылкычысын камады», койчуларды жыйын алып ой кылат, койду союп той кылат:

«Төрөм» деп мени айткың деп, Ал балдардын торпогун Такыр союп таштады.

Бузукту мындан баштады,

Төрө деп койгон балага

Кементайын керсейтип, Салып берет талаага.

Тилегин кудай бериптир,

Ошол кезде Манасың

Оң эки жашка келиптир[10].

Ошентип ал «Чоң жинди» аталат. Ошол эле кезде андан лидерлик сапаттар көрүнөт, балдарга башчы болгусу келет. С.Каралаев болочоктогу жоого кирер, эл коргор балдарды кыргыздар кантип тарбиялаганын, аларды эмнелерге үйрөткөнүн ар тараптуу көрсөтөт. Жаш Манас – кыргыздардын көптөгөн муунуна идеал болгон. Баатыр болчу бала ушундай болуш керек деп айткан. Балдар анын С.Каралаев тарткан мындай сүрөтүн угуп, тамшанган, ошондой болгусу келген:

Жалаяк ооз, жар кабак

Майлаган буудай жүздөнгөн,

Күүгүм туман көздөнгөн

Жакып байдын жаш Манас

Жеткилең белин курчанып,

Торучаар санга бир салып,

Сыр найзаны колго алып,

Каарланып бакырып, Арт жагынан кырк бала Манастап ураан чакырып. Жолсуз жерге жол салып,

Кыраан Манас кабылан, Кочку баштап ошондо Жети жүзгө кол салып.

Орто жерин зор Манас, Оң экиде кези экен, Оюп келип берди эле. Кыл ортосун кырк бала, Камап келип берди эле.

Орто жерин ойронуң

Оюп чыгып баратат,

Астындагы Торучаар Айгай укса бөлүнүп,

Чуу чыкканда жаныбар[11].

Мында кыргыз жоокерлеринин уруш стратегиясы жана тактикасы, бир баатырды ээрчүү керектиги тууралуу элдик педагогикалык идея берилип жатат. Манастын туура тарбияланышынан, баатырдыгынан улам «Ордо күтүп, кан болуп, олуя заада жан болуп, орунтуктуу эр болуп, оң эки мүчө тең болуп, күйүттүү кыргыз кырк үйлүү, күтүп алар шер болуп, толкуган кара калмакка, тоодой кара сел болуп» чыга келет. Бул идеалдуу инсан үлгүсү, өрнөгү.

Эпостогу дагы бир педагогикалык идея – эмгекчил болууга үндөө. Манас Ала-Тоого келгенде дыйкан болуп, эгин айдап, ак мээнети менен Аккуланы сатып алат.

Кыз баланын сулуулугу тууралуу элдик идеал «Келеңкөр соору, кең чачпак, келини сулуу», «кызыл көйнөк, айча бел» кыздары суулуу кыргыздын деп берилет. Демек, кыздар ошолордон сулуу болушубуз керек десе, жигиттер ошол сулуулукту душманга тарттырып ийбей сакташыбыз керек дейт.

Ушундай эле нерсе – кыргыз жеринин сулуулугу, ал сулуулукту коргоонун зарылдыгы.

Асмандан жылдыз бөлүнүп,

Мунарык тартып бүлбүлдөп,

Таң шоокуму көрүнүп,

Таңдын муздак жели зыркырап

Камыштын башы чыркырап,

Балапан торгой чуркурап,

Кумунун үстү чийилип, Талынын башы ийилип

Жаткан экен Ак-Талаа. Адыр-будур бел экен, Абыдан сонун жер экен. Бөөт, көлчүк, сазы бар, Бөлүнгөн өрдөк, казы бар.

Алмасы бышып көң болгон, Жаңгагы бышып сай толгон.

Кызгалдак чөбү кылкылдап,

Кымыздык, чөп, ышкыны

Тегиз бышып былкылдап,

Жаткан экен Ак-Талаа

Ортосунда оргуган

Булак сары суусу бар[12].

Манасчы ушул саптарды кумардануу менен айтып жатканда угуп отургандар жеринин кооздугуна суктанган, ошол кооздукту тепсетпей коргоого даяр турган. Мына ушул нерсе балдардын экологиялык тарбиясын калыптап, мекенчилдик сезимдерин арттырган.

Кыргыз эл педагогикасында «кун куу» деген түшүнүк бар. Эпос циклдик формада болуп, атасынын кунун кууп, атасынын душманы менен баласынын согушу чыгарманы баштан аяк коштоп жүрөт. Ант – педагогикалык өтө терең түшүнүк. «Ант берүү», «ант уруу», «антына туруу», антына турбоо» ж.б. түшүнүктөр кыргыздардын этноэтикалык маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон.  Сары Тазга карата айткан Семетейдин сөздөрүндө: «Ушул сөзүң чын болсо, төшү түктүү жер урсун! Айтканыңды кылбасам, атагы урсун Таластын, Төбөсү ачык көк урсун, арбагы урсун Манастын» деп ант берет. С.Каралаев айткан вариантта «Манаста» балдарды тарбиялоонун көп усулдары, каражаттары жана формаларын көрсөтүлөт, элдик тарбиянын эреже-нормалары берилет, алар  эчен-эчен муундагы балдарды оң идеалдарга тарбиялоодо эмпирикалык сыноодон өткөн, турмуш тажрыйбасында эчен-эчен колдонулган, кристаллдай тазаланган ыкмалар.

[1] Ормонов Т. Мудрые заповеди народа // Семья и школа. – 1977. – №11; Педагогическая пансофия киргизского народа // Советская педагогика. – 1978. – №1

[2] Бекбоев И. Элдик педагогика деген эмне? // Эне тили. – 1992, 14-апр.

[3] Ормонов Т. Идеи военно-патриотического воспитания в эпосе «Манас»// Проблемы воспитания (материалы XIII республиканских педагогических чтений. – Ф.: 1971. – 65-66-б.

[4] Волков Г.Н. Этнопедагогика. – М.:2000. – с. 49.

[5] Апыш Б., Бабаев Д., Жоробеков Т. Педагогика. – Б.: 2002. – 51-52-б.

[6] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 57-58-бб.

[7] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 77-78-бб.

[8] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 86-87-бб.

[9] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 1984, 88-бб.

[10] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 93-б.

[11] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 111-б.

[12] Манас. С.Каралаевдин варианты. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 39-40-бб.

 

ТАМАК-АШ БИЛИМДЕРИ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

«Манас» эпосу – кыргыз элинин тамак-аштарынын абдан көп түрүнүн атын, айрымдарынын жасалаш технологияларын, элге тартууланыш учурун жана маданиятын көрсөткөн көп багыттуу эпопея. Жалпы тамак-аш түрлөрүн эт азыктары, сүт азыктары, камыр тамактары, жашылчалар, жемиштер, муздак суусундуктар, ысык тамактар, сүт суусундуктары, кайнатылган даамдар, чайлар, шербеттер, мас кыла турган ичимдиктер, дандан ачытылып жасалган адамды кызыта турган суусундар ж.б. деп бөлүп кароого болот.

Мына ошолордун ичинен кымыздын өзгөчө орду белгиленет. Кыргызда кымыз жасоонун кылымдар бою калыптанып, бизге жеткен, ошол эле кезде бизге жетпей калган технологиялары бар. Биринчиден, көчмөнчүлүк турмуш улам артта калып, элден көчмөн рух да жоголуп жаткан, экинчиден, илим-техника эл турмушуна батыл аралашкан шартта, үчүнчүдөн, айрым адамдардын бул дүйнөдөн кетиши менен улуттук тамак-аштын мурдагы баалуулуктары жоголо баштаган учурда кымыз жасоонун да маданияты унутулуп бара жатат.

Кымыз – кыргыздардын эң сыйлуу суусундугу, улуттук бренди болгон жана азыр дале болууда. «Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер» дешкен. Кымызды мыкты жасаган адамдар өтө жогору бааланган, алардын кымызын ичүү үчүн алыстан ат арытып келишкен же ошондой өнөрлүү адамдарды атактуу адамдар өзү менен кошо алып жүргөн, болбосо, уяттуу коноктор келгенде айтылуу кымызчыларды чакырып, ошолорго атайын кымыз ачыттырышкан.

Кымыз жасоодо эң негизги нерсе – бээнин кайсыл жердин, кайсыл мезгилдеги отун жегендиги менен байланыштуулугу. Жазындагы жашаң көк чөп жеген учурда ууз кымыз болуп, ал мезгилде бээ сүтүн ичишкен. Бара-бара от көбөйүп, бээ от кууп, чөптүн жагымдууларын, дандууларын терип жей баштайт. Мына ушул учурда бээни байлап, бир күндө 5-6 жолу саап, аны сабада же эркеч чаначта сакталып турган көрөңгөгө куюп, аябай бишкек менен бышып, ачытышат. Сабаны жылкынын, же уйдун терисинен жасайт. Көбүнчө жылкы териси колдонулат, ал абдан ийленип бышырылат, анан ышталат да, ыш бул сабага жакшы сиңет. Мына ошол сабадагы кымызды улам бишкектеген сайын кымыз жакшы аралашып, бышып, даамына келип, канча көп бышса, ошончо кымыз ичкиликтүү болгон. Жылкынын терисинен башка сабаны эркечтин терисинен да жасайт, эгер жылкы сабага 100-150 литрге чейин кымыз куюлса, серкеч эчкилердин терисине 50 литрдей кымыз сыйдырылган. Бул сабалар менен катар эле күнүмдүк жолго чыккандар эчкинин же улактын терисинен кол чанач жасап алган, ал эки-үч адамдын бир күндүк ичүүсүнө жараган. Кол чанач аттын ээринин кашына илинип, ат улам баскан сайын кымыз чайпалып, өзүнчө эле күчүнө кире берген.

Эл мына ушундай мыкты суусундукту жакшы билген. Жайында ар бир үйдө кымыз турган. Кымыз өзгөчө технологиялар менен ден соолукка пайда келтире тургандай кылып жасалган. Бээнин, кымыз кылуунун түйшүгүнөн эч убакта качышкан эмес. Мисалы, бал кымыз жасашкан. «Бал кымыз деп идишин кандыра ыштаган, кеберситпей бат-бат тазалап, колдон келсе сабага ачытылган, сүттүн ар бир саамын өтө жылуу же өтө муздатпай убак-убагы менен таза куюп турган, кечинде жатаарда аябай беш миңден кем эмес бышып, түн ичинде келегей кылып үшүтпөй, сабаны же арча челекти аба ырайына жараша чулгап жаап, буркураган жыпар жыты мурунду өрдөп турган, үстүндө көз-көз болуп майы көрүнүп, өтө коюу, өтө суюк эмес, ичкен сайын бойго сиңип, кайра-кайра тилетип, бөйрөктү иштетип, бети-башыңды албырткан, оозго даамдуу, организмге жагымдуу кымызды бал кымыз дейт…», «…ал (жылкы – М.А.) башка малчылап бруцеллез, туберкулез, кара өпкө, карасан деген оорулар менен эч качан оорубайт»[1].

Демек, жылкынын сүтү кыргыз элдик медицинасынын башкы дарыларынын бири болгон, аны жасоонун жолдорун, сырларын  мурдагы муун кылымдар бою улам кийинки муунга өткөрүп келген.

«Манас» эпосунун бир катар варианттарында кымыздын кантип жасала турган технологиясы көрсөтүлөт, мисалы, Акбалта кымыз куюла турган чаначты үч өгүздүн терисин үч жыл «кермегин жакшы кандырып, карагай менен төндүрүп, жел киргизбей көмдүрүп, орду менен тиктирип» даярдайт (СО, 1982, 4-т., 146).

Жусуп Мамай айткан «Манас» эпосунда бала Манас досу Мажик менен Балта (Акбалта) абасыныкына келгенде, ал киши буларга «тартынбай ич деп кымыздан көрсөтүп коёт сабааны», ал сабаа үч өгүздүн терисинен жасалат, теринин кермегин жакшы кандырат, карагай ышка төндүрөт. Анан ага кымыз куюп, жел киргизбей көмдүрөт, орду менен тиктирет, жык толтура куйдурат, бишкек менен токмоктотот, талкуулатып урдурат. Ушинтип үч жыл сакталат. Ошол кымызды балдарга берип жатат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 376-377-бб.). Ошол Балтанын кымыз куюучу сабааны жасоо технологиясы да өзүнчө чоң өнөр, билим жана маданият.

Бул технологиялар жана ыр саптары С.Орозбаковдун вариантына окшоп кетет.

«Семетейде» кымыз маалын үчкө бөлүп карайт: ууз кымыз – кеч жазда, күл кымыз – жайда, шырылдаң – күздө[2].

Кыргыздар кымыздан арак тартып ичип келген, аны »чагырмак» деп атаган.

«Сейтекте»:

Кымыздан тарткан нак шарап,

Уйбаш кара жан аяк,

Толтура шарап куйду эми

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 99-б.), – деген саптар учурайт.

Жакып балалуу боло албай жүргөндө аны аялыңды ардант, аны үчүн токойго жалгыз алып барып таштап сал дешет, Чыйырды ошол жакта намыстанып, боюна бала бүткөндө бооз болуп отурганда келген кечилдерге Жакып «арак тартып кымыздан, көөкөргө куюп ачытып берет» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 315-б.).

Кымыздан арак кайнатып (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 556-б.), – деген саптар учурайт.

Кымызды ачытып аракка айландыруу технологиялары азыркы учурга чейин сакталган.

Кымыз негизинен, көпчүлүк учурда жайлоо учурунун ичимдиги болсо, кышкы суукта бозо ичишкен. Бозо – байыркы кыргыз тамак-аш маданиятынын ажыралгыс бир бөлүгү.  Кытайдын Тан династиясынын (618-907-жылдар) жылнаамаларында кыргыздар климаты катаал аймактарда жашагандыгы, жерин жарым жылдай муз каптар турарлыгын, анан ошол муздан ачылар замат арпа, таруу, буудай сээп алып, алар бышканда жаргылчакка тартып, ун, талкан кылып аларын, алардан бозо да саларын жазат. Муну кытай булактарын изилдеген Н.Я.Бичурин да тастыктап, Эне-Сай боюндагы кыргыздар бозо жасап, ичерин айтат. Махмуд Кашкарлык да (1028 же 1029 – 1101 же 1126) түрк тилдерине арналган сөздүгүнө бозону буудай жармасында жасалган ичимдик катары мүнөздөп, анын түрлөрү, өңү-түсү, жасалыш ыкмалары тууралуу маалымат берет.

Жуңголук журналист Батма Айсабек кызы бул темада кызыктуу макала жазган[3], ал кыргыздардын бозо салуу маданиятын мындан 4 миң жыл мурдагы «андронов маданиятынан» табат, андагы бозо ачыта турган коло идиштердин, кумуралардын, үркүмкөлөрдүн, жаргылчактардын табылышын буга мисал катары көрсөтөт. Ал бозо ачытуу кээ бир адабияттарда батыш европалыктарга, кээ бирлерде жапондорго, Кытай булактарында болсо ханзуларга, уйгурларга, монголдорго таандык деп айтылып келерине токтолуп, бирок мунун башатын байыркы кыргыздардын ичинен табат. 12 миң жыл мурда эле кыргыздар жылкыны саап, анын сүтүн тери идиштерге куюп, көчүп-конуп жүргөн жерлерине ташып турган, анан ошол сүт ачып, бышылып кымызга айланган. Мындан 5-6 миң жылдар мурда эле «андронов маданияты» мезгилинде кыргыздардын ата-бабалары эгин эгип, аны сактап, кээде алар ачып, крахмал ферметин пайда кылган да, ушунун өзү бозону ойлоп табууну шарттаган. Кымыз технологиялары (ачышы) менен бозо технологиялары бири-бирине окшош болгон.

Бозо дүйнөлүк илим менен технологиядагы эң чоң 100 ачылыштын катарына кирет. Аны коноктон, шалыдан, арпадан, таруудан, жүгөрүдөн жасайт.

«Манас» эпосунда бозо ичимдик катары жана мас кылуучу ичкилик катары айтылат, анын буудай бозо, арпа бозо, конок бозо, таруу бозо, маш бозо, кордо бозо, торгой көз бозо, жоро бозо деген түрлөрү менен таанышабыз.

Кыргыз тамак-аш билимдеринде жана технологиялардында сүт азыктарынын абдан көп түрү болгондугун билебиз. Уйдун, топоздун, эчкинин, койдун сүтүнөн майын албай айран кылып жакшылап уютуп, сүзмө кылып, анан аны абдан кайнатат да тоголоктоп курут кылып күнгө жайып кургатып алат. Кургатылган курут көп жылдар бою сапатын бузбай сактала берет. Кышында ошол куруттун үстүнө кайнак суу куюп, атайын катуу жыгачтан жасалган кош мүйүздүү таякчалар менен аралаштырса, курут эзилип, суюк болуп калат. Анан казанга майга буудай, жүгөрү ж.б. данды кууруп, үстүнө бир аз суу куюп, аралаштырып атала жасайт. Мына ошол атала менен эзилген курутту кошуп кайнатып, кеселерге куят да, таза сары май салып, анан созмо, катырма, боорсок, нан – кайсынысы болсо да туурап ийип, ичип алса, адам көпкө курсагы ачпай жүрөт. Экинчиден, куруттун курамында адамдын сөөгүн бекемдей турган заттар болот, курут ичкендердин организми аны алат. Бул абдан жасоого ыңгайлуу, аш болумдуу, ток кармай турган азык экендигин кыргыздар жакшы билген. Эгерде сүт бир-эки күндө ирип кетсе, айран дагы ачып кетет, ал эми аларды курутка айландырып койгондо бир нече жылдарга чейин сакталып тура берет.

Курутту жасоо технологияларын өркүндөтүп, анын курамына өрүк, чөбөгө, талкан, калемпир, ар кандай дары чөптөрдү, чычырканактын, чың карагаттын, бөрү карагаттын ашын кошуп, тобурчактын түтүнү менен ыштап, ар кыл түрлөрүн колдонушкан.

«Манас» эпосунда:

Эзген курут, кошкон май, Дасторкондо кескен жал.

Чайдоосунда кызыл чай, Келини каймак жалабай, Кемпири куйрук карабай…

… Толгон кыргыз кези экен

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 562-б.), – деп кыргыздар бейпил күндө жашаган учурда сыйлуу тамактарынын катарында май кошулган эзген курут айтылып жатат.

Ошентип сүт – айран – сүзмө – курут – суюк курут технологиялары иштелип чыгып, малдын сүтү эч убакта бекерге кеткен эмес.

Дагы бир суюк тамак – атала. Түштүк жакта «Аш асаны – атала, иш асаны – пайтада (чулгоо)» деген макал бар. Атала жасоо – оңой жумуш. Казанга суу куюп, бир аз жылыганда, буудай ун, жүгөрү ун, талкан салып, бышырат да, ага айран, сүт, сүзмө катыктап ичет. Ысык бойдон ичсе – тамак, муздатып ичсе – суусундук. Казанды отко коюп, аябай ысытып, май салып, ага талкан кошуп кууруп алып, анын суу кошуп, кайнатып да атала кылышкан. Атала ачытылбайт. «Манаста»:

Алты казан атала,

Ичсе карды тойбогон,

Соргоктун баары ошондо (СО, 8-9), – деген саптар бар, ага караганда ошол мезгилде да атала көп ичүүгө мүмкүн болгон, сиңдирүүгө ылайык оокат экендиги айтылат. Оорулуу кишиге эч тамак өтпөй калганда да атала кылып берип отуруп, тамакка аралаштырган.

Эл турмушунда этке өзгөчө маани берилип, жоо беринде жүргөндө да кыргыздар этсиз калган эмес, аны этти эптеп-септеп бышырып жей беришкен эмес. Көптөгөн мезгилдерге созулган тарыхый процессте, көчмөн турмушта, талаа жана үй шартында эт бышыруунун өзүнчө технологиялары иштелип чыккан.

«Манас» эпосунда Семетей жана анын аскерлери жоого аттанар алдында кысыр калып туу болгон тору бээни Канчоро чай кайнамда сойду эле, Гүлчоро кемегени ойду эле, андан ары:

Көмкөрүлүү казанын,

Кемегеге астырып,

Арчадан чапкан сузгуну,

Эт котортуп бастырып. Калтырбастан эт чийки, Эки демеп бышырып.

Таң агарып атканда,

Койбой туурап жеп болуп

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 5), – деп сүрөттөлөт.

Демек, мындагы эт бышыруу, аны тамак кылуу технологиялары: кемегеге казан асуу; казанга бышыруу; этти которуп туруу; этти арчадан чапкан сузгу менен которуу; чийки этти калтырбай бышыруу; эки демеп бышыруу; туурап жеш. Мына ушунун ар бири эттин туура тамак болушу жана анын адам организмине жагымдуулугу үчүн керек болгон элдик билимдер эле.

Манас жаш чагында жолдош балдарына:

Шишкебек кылып козуну

Жегин деди ушуну,

Куйрук менен башыны

Куп жедирди ушуну

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 102).

Жоо бетинде жүргөндө Семетейдин аскерлери бирде ач болот, бирде ток болот, ошондо да тамактын айласын табат: «казан асып, муз салат», «чай ордуна туз салат», «куурган арпа талкандан курулай сууга чалдырат» (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 24), ал эми казакка конокко барганда «кескен казы, кошкон май», «сары кант» жейт, мейманга «алдуусу келет тай союп, алда нечөө кой союп» келет (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 26).

«Нашта кылып, чай ичкен», «куурдак менен май ичкен» (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 32), «күндө жаңы тай союп, кымызга чайкап бал кошуп» (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 44).

Кыргыздар конок күтүүнүн, мейманды сыйлоонун элдик дипломатиялык эрежелеринин эң башына эт тартууну койгон. Башка элдерден айырмаланып, төргө отургузуп ар бир конокко арнап устукан тартууну, мал соёрдо коноктун бата беришин, согум даярдап алууну, аш-тойдо келген коноктору той же аш ээсинин туугандары, уруулаштары конок деп үйүнө алып кетишин кыргыздар ойлоп тапкан.

Манастын колуна кошулуу үчүн башка хандыктардын аскерлери келгенде Таластагы хан ордодо жаткандар аларды мындайча тосуп алат.

Жамгырчынын аскерин Бакай карыя жайгаштырат: «Жабыгы бийик боз үйгө Жамгырчыны киргизди», «Туу байталдан сойдурат», «Чай кайнатып кант салат», «Дасторкону жыйылбайт», «Ала табак тарттырбайт».

Эр Төштүктүн колун коноктоо милдети Алмамбетке жүктөлөт:

Түндүгүнө бээ союп,

Түштүгүнө тай союп,

Жагынарга кой союп,

Кыя тарткан жал коюп,

Эче түрлөп нан коюп,

Сары аякка бал коюп,

Алмамбет эли күтүптүр

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 49).

Үрбүнүн колун коноктоо Серекке тапшырылат. Ал конокторго:

Ысылыкка май берип,

Суусалыкка бал берип,

Эттен тандап жал берип, Эчен түрлөп нан берип,

Туу байталдан сойдуруп,

Туурап нарын койдуруп,

Баатыр Серек күтүптүр,

Барлык менен түтүптүр

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 50).

Эр Көкчөнүн аскерлерин Сыргак алат. Ал казак колун баштап келет эмеспи. Демек, аны казакча тосуу керек:

Семизден тандап мал союп,

Казыдан тандап жал коюп,

Канча түрлөп нан коюп,

Ар даамды бүт берип,

Кишмиш чайкап сүт берип Эриккенче эт берип…

…Эр башына карасаң,

Экиден табак тарттырып

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 51).

Анжиандан Санжыбек 900000 кол менен келсе, аларды Ажыбай, Чалыбай, Кутунай сыяктуу кырк чоронун өкүлдөрү тосуп алат да, меймандарыбыз аз болуп калды деп ичи чыкпайт, аларга: мал семизин сойдурат, башына жаздык койдурат, чачма күрүч тарттырат, шимигени жал болот, суу ордуна ичкени сур ыраңдуу бал болот.

Андан кийин Буудайыктын Музбурчак колу менен келет, аны Чубак баш болгон кыргыз жигиттери тосуп алат, анан алар:

Күл куржундан сөктүрүп,

Дасторконго жемишти

Күрөп-күрөп төктүрүп,

Ордун калың салдырып,

Отуна чырак жандырып,

Оюнга кумар кандырып,

Ушунча колдун баарысын

Отуз чоро алыптыр

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 53).

Андан ары конок таппай чуулашкандар, он чактылып бөлсөң деп сурангандар көбөйөт.

Ар бир топ болуп келген колду адегенде хан Манас өзү баш болуп тосуп алат. Анан аларды жайгаштырат. Ушул жерден кыргыздардын конокко тарткан эң эле чүйгүн, даамдуу, жагымдуу тамактары кайсылар экендигин билебиз. Алар: туу байталдын эти; кант салынган чай; түнү – бээнин эти; түштө – тайдын эти; кой эти; кыя тарткан жал; түрлөп коюлган нан; сары аяктагы бал; ысылыкка май; суусалыкка бал; туу байталдын эти; тууралган нарын; семиз мал; казы; кишмиш чайкалган сүт; эриккенче желген эт; чачма күрүч; дүйүм жемиш ж.б.

Бул тамактар, биринчиден, коноктор үчүн сыйлуу азыктар болсо, ошол эле кезде жакында урушка кирүүчү жоокерлер үчүн күч-кубат берүүчү азыктар болуп эсептелет.

Каныкей жана кырк кенизек кырк жигитти согушка жиберер алдынан сыйлап, «жекендос менен баяндос мамык салдырат, алтын күрсү койдурат», анан мындай тамак-аш тартат:

Ак боз бээ сойдуруп,

Ашап алып кетсин деп, Нарын тартып койдуруп, Азырланган апаңар.

Ошо кирген кырк баатыр

Кымыз ичип кызышып,

Сөөк тери ысышып,

Арак ичип алкынып,

Арак, шарап, мисалдаш,

Албан түрдүү сонун аш,

Адам тартса болгон мас,

Кымызга бою кызышып, Чекеден тери сызышып

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 87).

Эпосто өзгөчө сыйлуу тамактардын бири – согумдун эти экендиги, согум даярдашканды айтылат:

Дасторконго коюуга,

Согумун камдап алайын (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 108), – деген саптар кездешет.

Кыргыз манасчылары башка элдердин тамак-аш ашканаларын дагы жакшы билген. Макел дөө мекендеген жердеги элдин тамак-ашы, азыктары мындайча айтылат:

Жыланды көрсө жырып жеп,

Кумурскага жолукса,

Эрикпестен кырып жеп,

Суур көрсө сууруп жеп,

Ободогу канаттуу

Узартпастан уруп жеп,

Бири өлсө, бирин жеп,

Ичи менен жинин жеп,

Бака, жылан, коңузду,

Кашкулак, бөрү, доңузду,

Канжа менен түтүн жеп,

Эчтеме таппай калганы

Карагай, кайың, тал көрсө Казып түбүн, бүтүн жеп

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 225).

Мында кыргыздар жеген тамак-аш менен алардын душмандары жеген тамак-аштын ортосунда айырмачылык бар экендигин, бири-бирине ылайык келбестигин, бул жагынан да карама-каршылыктар орун алгандыгын көрсөтүп берүүдө. Чынында эле азыр бизде кытай ашканалары көбөйүп жатканда алардын тамак-аш рационунда курт-кумурскадан, жылан-бакадан тартып, тамырларга чейин деликатес катары желе берерине ынандык. А биздин элибиз, алардын ичинде манасчыларыбыз, муну илгертеден эле жакшы билген. Мына ошол кыргыздар менен беттешүүгө даярдануу үчүн душман колу алты сан ит, миң эшек, тогуз түмөн доңуз союш үчүн, тамак үчүн тогуз миң төөгө бака, жылан, коңуз жүктөтөт.

Эне-Сайда Орозду хандын убагында кыргыздардын «чайнаганы май экен, ичкени кымыз, чай экен», «түштүгүнө жегени сүт бото тайлак төө экен», «кечкисин жегени, кысыр калган бээ экен», «шерне жеп, тай союшуп, кымыздын балын татышат», «самоору кайнап ышкырып» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014, – 298б.) турган учуру абдан симпатия менен сүрөттөлөт.

Манас беш-алты жашында жеген тамактары рацион боюнча мындай: күндө жаңы союлган семиз бээнин эти; бээге кошо союлган тайдын эти; бал куюлуп чайкалган кымыз;

дасторкондо эртеден кечке кемитпей турган май (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 344-б.).

Бал чайкаган кымыз бар,

Капакка салган майы бар,

Каймакка бышкан наны бар, Казы-карта аралаш, Кертип койгон дагы бар…

… Ачыткан максым жарманы

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 373-б.).

Жети сабаа кымыз бар

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 376-б.). Кыргыздар Эне-Сайда жашаган мезгилде эле эт салуунун, эт бышыруунун өзгөчө технологияларын колдонушкан. Бала Манас биринчи жолу Балтанын үйүнө келгенде аны достору менен эт тартып коноктогон учуру мындай айтылат:

Жети жылдык боз бээни, Жик чыгарбай союңар. Салынбасын төрт туяк,

Андан башка этинен,

Аш болбоочу кишиге,

Кошуп безин салбасын,

Аты ичеги калбасын

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 376-б.). Демек, эң сыйлуу конокко соё турган мал – жети жылдык боз бээ, аны союу эрежеси – жик чыгарбай союу, казанга салынбай турган бөлүгү – төрт туягы, дагы кишиге аш болбой турган нерсе – бези, кыргыздар безди арам деп бычак менен кырып алып коёт, анан эч нерсенин калтырбай сала турган деликатес – ичегинин баары.

Ошентип казанга эт салынды. Эми аны кантип бышыруу керек? Ал тууралуу да карыя Балта жаштарга насааттап атат:

Катуу эмес асталап,

Орто карта кайнаткын,

Ыгы менен туз салгын,

Шылтоо кылып татпагын.

Мына ушул Балтанын жаштарга айтканына байбичеси ыраазы болбойт, өзүң кара дейт. Себеби эт бышыруу кыргыз үчүн ошол күндөн ушул күн аябай эле жооптуу милдет, чоң жүк. Байбиченин Балтага айткан сөзү:

Карап өзүң башкаргын,

Бейчеки отту жактырбай, Бирөөгө тузун таттырбай!

Эт бышырган кишинин милдети – казанга ар кимди ээлик кыла бердирбөө, отту ашыкча да, кем да жактырбоо, анан башка бирөөгө тузун таттырбоо, тузду бир гана адамдын көрүп турушу. Ушунда эт катуу да болбой, сөөктөн ажырап бышып да кетпей, орду ордунда болот. Муну «маалында этин бышыртып» деп жатат. Манасчылар Балтанын сабагы аркылуу кийинки миңдеген муундарга байыркы бабаларыбыздын эт бышыруу маданиятын үйрөтүп, насааттап, ибараттап берет.

Ошентип эт бышат, андан кийин мал ээси жана конок ээси Балта кийинки процесске өтөт: чараларга чыгартат, жилигин ажыратат, сом эттерин бир бөлүп, алты балага тууратат, шалдаган чык кошот. Ушундан кийин гана Чоңжинди менен Мажиктин астына чыгарып келип, каалагандан жегиле деп алдына коюп берет (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 376-377-бб.).

Эне-Сай, Алтай кыргыздарынын, тагыраак айтканда, алардын бир өкүлү болгон Балтанын казанга эт салуу, аны бышыруу жана мейманга тартуу технологиясы кийин Ала-Тоо кыргыздарында да салттуу маданият катары сакталып, алардан биздин күндөргө чейин келип жетти.

Ат-Башыдагы Кошой дөөнүн жашоосу: Карын-карын май алган,

Кашкарга киши жиберип,

Капталдап кара чай алган…

…Чайга салган балы бар,

Миңбугудан алдырган,

Күрүч деген даны бар

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 400-б.).

Манастын келе жаткандыгын Бөдөнө деген киши Жамгырчыга сүйүнчүлөп кабар бергенде, Жамгырчы байбичесин чакырып, Бөдөнөгө жык толтуруп, бир чанач кымыз, сары кант кошуп чай, бышкан казы-карта, кийиктин боорун кууруп бердирет (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 414-б.).

Жүгүрүп үйгө киришип,

Сасык айран, көк иркит,

Бирден жутуп ийишип

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 496-б.), – деген саптар да кездешет.

Манас биринчи жолу калмакты жеңгенде той берет, тойго токсон миң эл келет, тогуз күнү болот, ошондо тартылган тамактары: үч убак эт тартылат, жая бычып, жал жешет, казы кертип май жешет, балга чайкап кымыз ичишет (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 505-б.).

Эт азыктарын Манас доорунда тамак катары гана колдонбостон дарылык касиети күчтүү дармек катары, шыпаа-эм берер касиет катары да пайдаланганын көбөбүз. Мисалы, Күлчоро далысына кечил оюлуп, Кыяздын кордугун көрүп, эптеп качып келип жаш Сейтекке жолукканда, Сейтек аны азып келгенинен семиртип алуу үчүн ак боз бээден көп союп, казы-карта тартат, кымыз менен жуудурат, кымча менен буудурат, кысыр тай сойдурат, астына май койдурат, шарап менен сугарат.

Канчоро хан болуп Бакайга кордук көрсөтүп жатканда Бакай:

Ачкадан өлүп калат деп,

Казыдан кесип жегиздим, – дейт (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 23-б.).

Ошондой эле болочокто баатыр болор балдардын рационуна да эт азыктарын киргизет.

Каныкей Канчоро тууралуу айтат:

Жүрөгү майлуу болсун, – деп,

Казыдан кесип жегиздим (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 29-б.).

Дагы бир жеринде Күлчоро менен Канчорого:

Жүрөгү майлуу болсун деп,

Жая кесип, жал берди,

Каймакка мыкчып, бал берди (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 171-б.), – деп айтылат.

Сыйлуу конокторго сары каймал төө союлган:

Сары каймал төө союп (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 17-б.).

Эң эле сыйлуу жана жештүү тамак тай болгон жана аны аябай союшкан:

Тоюна токсон тай сойду (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 21-б.).

Ар бир жеңиш, олжо эт желген тойлор менен коштолгон. Трилогиянын «Сейтек» бөлүмүнүн соңку жагында кыргыздар жеңишке жетишкен кезде: Кыпкызыл нар төө сойду,

Казысы карыш бээ сойду.

Төрт түлүктөн тең сойду (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 256-б.).

Ошондой эле мындай сыйлар аш берүү учурунда да өткөрүлгөн аны көбүнчө аш бергендердин туугандары мойнуна алган: «Жетимиш үйлүү тууганы, бүгүн жети жүз колду кондурду» (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 151).

Кыргыздар эт жана сүт азыктарын кеңири пайдалануу менен бирге эле өрүктү, шабдаалыны, алчаны, долонону, бөрү карагатты… бышкан кезде терип алып, аларды көлөкө жерге жайып как кылып алган да, мал четинде жүргөн балдарына берген, кайнатып ичкен. Бул болсо керектүү витаминдердин чогулушуна жардамын тийгизген. Жогорудагыдай мөмөлөрдүн кургатылган кактары ар кандай ооруларды айыктырууда пайдаланышкан. Мисалы, кадимки уйгактын тамырын казып алып, аны көлөкө жерге кургатып, ундай майдалап туруп, буудай унга кошуп нан, атала жасашкан. Анын тамырын жаңы кезинде майга кууруп жешкен. Бул ден соолукка абдан пайдалуу болуп, кан басымын нормалдаштырган. Анын жалбырактарынан чай демдеп ичкен. Тоодо жапайы өскөн чекенденин мөмөсүн терип келип, аны жаргылчак менен ун кылып майдалап, арпанын же буудайдын унуна кошуп атала кылып ичишкен, ал тамак сиңирүүгө жардам берген ж.б.

Ошентип, кыргыз элинин салт билимдеринин натыйжасында алардын тамак-аш технологиялары жана тамакаш маданияты иштелип чыккан, алар Манас дооруна чейин да, Манас доорунда да, Манас доорунан кийин да элдин жашоо-турмушунун ажыралгыс бөлүгү болгон.

[1] Ашыралиев К.: «Кыргызга кымыз менен эт жакпаса – анда иш бүткөнү». Маектешкен Ж.Эдигеев //Агым, 2007, 5-июнь

[2] Карамолдоев Ж. Кыргыз айсанагынын жаралышы, «Манас» ж.б. эпосторуна, табияттын ар түрдүүлүгүнө таандык  // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 516-517-бб.

[3] Айсабек к. Б. Залкар манасчы Жүсүп Мамай айтуусундагы «Манас» эпосундагы тамак-аш маданияты болгон бозо жөнүндө //«Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимийтажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 52-56-бб.

САНЖЫРА БИЛИМИ

Элдик билимдердин ичинде санжыра да маанилүү орун ээлеген. Санжырада илимдин бир катар көрүнүштөрү байкалат. Санжыра, албетте, илим эмес, бирок анын маанисин төмөндөтүп жомокко айлантуу да туура эмес. Эл, анын ичинде манасчылар, кимдин кайсыл уруудан экендигине, ким ким менен кайсыл атадан кошуларына өзгөчө маани берет.

«Манас» үчилтигинде 445 адам аты учурайт, ошолордун көпчүлүгү кайсыл элден, кайсыл уруудан экендиги белгиленет. Мунун өзү элдин да, манасчылардын да билимдүүлүгүн айгинелет. Санжыра бул – сүрүштүрүү, ата-тегин, түпкү насилин тактоо.

«Манас» эпосун кыргыз элинин турмушун ар тараптуу чагылдырган энциклопедиялык чыгарма деп атап келе жаткандай эле, ошол чыгарманын курамындагы санжыралык маалыматтардын көптүгү эл канчалык даражада санжырага маани берип келгендигин күбөлөйт. Себеби «Манас» эпосу уруулук түзүлүш күчтүү фактор катары элдин социалдык абалына, жашоосуна, саясий системасына катуу таасир эткен доолордо пайда болуп, калыптанды жана анын айтуучулары да, угуучулары да уруулук-патриархалдык коомдо жашашты. Манас баатырдын жана анын тарапкерлеринин эң башкы идеясы да майда бытыранды уруулардын башын бириктирип, уруулук аң-сезимден, уруулук тилек-максаттардан жалпы элдик, улуттук аң-сезимге, тилек-максатка жеткирүү, «курама жыйып эл кылуу» ою болгон. Мына ушул идеяны көрсөтүү үчүн да айтуучуларга санжыралык билим керек эле.

Көркөм адабий тексттеги уруу аттарын көрсөтүү – бул же тигил уруунун кандай тарыхый доордо жана дипломатиялык байланышта жашагандыгын аныктайт. Мисалы, Манас туулуп той бергенде Алтай жана анын айланасындагы төмөнкүдөй уруу-уруктар чакырылат: кабырга тууган кыпчак, алчын, үйшүн, найман, абак, тарак, аргын, тыргоот калмагы, маңгул, кытай, сарт (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 74). Ал эми Манаска ысым коюуга Жакыптын эң жакын катынашкан уруу-уруктарынан өкүлдөр катышат, алар: кыпчак Байжигит, кыргыз Элеман, аргын Каракожо, нойгут Акбалта, ногой Эштек, түрк Абдылда, өзбек Дамбылда, катаган Мунарбий (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 86). Мына ушундай уруулук катнаштар эки жагдайды көрсөтөт: биринчиси, бай Жакыптын алыш-бериш, туугандашыш чөйрөсүнүн кеңдигин; экинчиси, кийин-соңу душман болуп чыга келүүчү уруулар менен да бир кезде сыйлуу мамиледе болгондугун.

Санжыра – бул жети атасын, анын ичинде түпкү атасын аныктап берген эл билими. Манастын түбүн Жакып «уругуң кыргыз – түрк» деп түшүндүрөт (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 117). Мына ошондой тарбияда өскөн балдар, түпкү тегин, жети атасын кайсыл жерде болбосун жаңылбай айтып берген. Акбалта (Балтадөө) жолоочу катары келе жаткан балдардан тек-жайын сураганда, анда Манас боло элек Чоңжинди, мындай деп айтат:

Жерибиз – Алтай, Кең-Токой,

Журтубуз – кыргыз кан Ногой, Атамдын аты – Жакып  бай, Балтадөө деген тайым бар…

…Энемдин аты – Чыйырды,

Өзүмдүн атым – Чоңжинди

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 379-б.).

Демек, санжырылык билим алган бала үчүн чоочун бирөө сураганда дароо айта салуучу визиттик карточкасы: биринчиси – туулган жери; экинчиси – турган журту; үчүнчүсү – атасынын аты; төртүнчүсү – тайы; бешинчиси – энесинин аты. Ушулардан кийин гана алтынчысы өзүнүн атын айтууга тийиш.

Кыргыздын балдары азыркы күнгө чейин ушул тартипти, ушул санжыралык жобо-мыйзамды катуу сактап келди.

Жогорудагыдай маалыматтарды Чоңжиндиден уккан соң Акбалта дөө баланын кем экендигин таанып, билип, ага Ороздудан бери өткөн ишти бир баштан айтып берип, баланын тууган-уругун санжыралайт. Муну менен карыя жаш баланын оюна журтун чачыраткан душмандары менен күрөшүү, өч алуу идеяларын сиңдирет:

Батышты алгын маңдайга,

Жанупту көздөй ыңгайлап,

Самарканга барарсың,

Самаркандын үстүндө, Бел-Саз деген жери бар.

Жамгырчы менен Шыгайдын,

Олжого кеткен моңгулга,

Ошондо сенин элиң бар,

Оолугуп кетпей, чунагым,

Ойлонуп айткан кебимди ал

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 382-б.). Мунун өзү да – санжыра, анын идеясы – уруу мүчөлөрүнүн чилдей тарап, кай тарапка кеткендигин, эмне үчүн кеткендигин түшүндүрүп берүү.

«Манас» эпосунун сюжетине караганда санжыра сүрүшүү эл ичине эки жол менен тараган: биринчиси – оозеки формада атадан балага, куйма кулак санжырачылардан дагы кийинки муун санжырачыларына өткөн; экинчиси – санжыра жазылган китептер болгон, буларды болсо салыштырмалуу түрдө тарыхый маалыматтарга жакын деп эсептөөгө болот. Мисалы, ошол кездеги кыргыз санжырасы «Ыстырлап» деген китепте да жазылган болуу керек деген ой кетет. Дегенибиз, Акбалта Чоң жинди менен биринчи жолуккан кезде анын тек-жайын айтып атып, унутуп калбайын деп жогорудагы китепти үч күндө бир жолудан карап койгонун айтат да, менин бир тууганым, тайың Жамгырчыны тап, аны менен акылдаш деп кеңеш берет (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 384-б.). «Сен Жакыптан туулсаң, ал Катагандан туулган» деп Ат-Башыдагы Кошой дөө жөнүн айтып, сен ага барышың керек, жолуга кетишиң керек, «чоңойгондо көрүшсөң, чоң таарыныч айтпайбы» дейт (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 386-б.).

Мына ушул тууганын табуу идеясы, тайларынын бала үчүн кам көрүүсү – кыргыздардын санжыра сүрүүсүнүн натыйжасы. Тайлары жээндери үчүн жан аябай кызмат кылган, «жээн келгенче жети бөрү келсин», «жээн табак берели» деп колунда болгонун, тапканын берип турган. Акбалтанын биринчи көргөн Чоңжиндиге чылк алтындалган ак каңкы ээрди, күрөөкө тонду берип турушу, жети жылдык боз бээ союп, үч жылдык кымыз куюп сыйлашы да элдин ошол салтынын уланышы.

Манасчылар эпопеянын сюжетин айткан, композициясын түзгөн, образдарды жараткан, көркөм сөздөрдү кынаптап койгон айтуучулар гана эмес, алар уруу, урукту, ата-текти, каармандарды бири менен бирин сүрүштүрүп айтып берген санжырачылар да экенин эпопея менен терең таанышкан соң ынанабыз.

Алардын санжырачылык билимин бир нече жагдайда көрөбүз.

Бул же тигил элдин аскери кайсыл уруу-уруктардан түзүлгөндүгүн. Мисалы,

Казак-кыргыз элинен,

Алжан, аргын дегенден,

Алчын, үйшүн бул элден,

Жыйырманы каттады

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 462-43-бб.).

Согуша турган тарапта кайсыл элдер, уруулар жашай тургандыгын. Мисалы,

Бээжин бекем жер деген,

Беш уруу кытай эл деген

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 167).

Мында ошол кездеги Кытай борбору Алтайдан беш айлык жол ары жаткан Бээжиндин да эли беш уруудан турарын айтып жатат. Же дагы:

Маңгүбаны жердеген,

Сазаңшаң деген эл деген,

Сазаңшаңдын баатыры

Макел-Малгун эр деген

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 239).

Манасчылар санжыранын сүрүмүнө салып кыргыз колу согушууга бара жаткан кытай элинин да генесологиялык маалыматын алдыбызга жайып таштайт:

Эң улугу Эсенкан. Баатыр башы Коң төрө, Башкасынан чоң төрө.

Кытайлардан Коңурбай,

Кырмус шаанын Мурадил,

Кызыл чоктуу Нескара,

Калмактардын Ушаңы,

Кара жалдуу Бороончу,

Каңгайлардын Ороңгу,

Каткалаңдын Сайкалы, Кайсы бирин айталы.

Солоондон бар Алооке,

Доңуз мүнөз эр Жолой,

Токшукердин Бозкертик,

Солобонун Соорондук

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 265).

Мындагы Манаска душман уруулар: кытай, калмак, каңгай, каткалаң, солоон, токшукер, солобо. Ушунчалык уруунун баатырлары болсо, демек, согуша турган жоонун көптүгүн көрсөтүп берүү үчүн манасчы уруу биримдиктерин колдонууда.

Кайсыл уруулар, элдер кайсыл жерди турак кылганын көрсөтүүдө, же кайсыл адам кайсыл элдин өкүлү экенине басым жасоодо, мисалы:

Казактардан Будайык,

Жети атадан бер жакка,

Алмата жердеп келаткан

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 464-б.).

Өзү казак уругу,

Семет баатыр дээр эле

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 474-б.).

Көңтөй деген калдайы,

Татайды төтөп кылуучу

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 475-б.).

Жети ата сүрүштүрүү, ата-тегин айтуу, мисалы: Акбалта уулу эр Чубак (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 487-б.).  Манастын уулу Семетей, Семетей уулу Сейтек, Алмамбеттин Күлчоро ж.б. атасын кошо айтуу (азыркы фамилия сыяктуу) эпостун текстинде өтө кеңири учуруган көрүнүштөрдөн.

Кайсыл баатырды кайсыл уруу баатыр кылып тарбиялагандыгына басым коюу үчүн. Мисалы:

Катагандын Кошоюн,

Кайратын көрдүк ошонун (СО., 3, 26).

Манасчылар эпостун курамында санжыралык маалыматтарды, баатырлардын ата-тегин көп киргизүү менен уруулук коомдун жалпы картинасын тартат: ал кезде жоого каршы жоокер тандоодо, аскерлерге жылкы, азыкоокат, кийим-кече даярдоодо ошол урууларга салык салынган, олжодон түшкөн мал-жан, дүйнө-мүлк да бардык урууларга бирдей бөлүнүп берилген.

Тексттин абдан көп жеринде «кырк уруу кыргыз» деп айтылат, «алтымыш уруу алаш» делинет. Демек, ал кезде кыргыздар кырк уруудан турган, кырк жигит да бекер алынган эмес, ошол Манастын айланасында жүргөн кырк жигит ар түрдүү уруулардын куралган, а түгүл душман уруулар да болгон. Ал эми алаш урууларына казактар да кирген.

Эпосто кездешкен уруулар: абат, алчын, ардай, багыш, басыз, бостон, жедигер, катаган, кесек, кыдырша, каңды, кыпчак, моңгол, найман, нойгут, окчу, тейит, төөлөс, эштек ж.б.

Эми айрым уруулардын эпосто кезигиши боюнча таблица аркылуу карап көрөлү.

1-таблица. «Манас» эпосунда кездешкен айрым уруу-уруктардын  өкүлдөрү жана алардын жайгашкан жерлери  (тексттен такталбаган учурлар кездешет)

уруу аты алардын өкүлдөрү жайгашкан жерлери
Абат (Набат, Абаат) Акун бек, Калдар Кыргыз уруулары менен кошо жүрөт. Көбүнчө бостон, нойгут менен бирге айтылат. Ташкенге аким болгондору тууралуу маалымат кездешет.
Алчын Казак уруусу. Кыргыздар менен кошо согушка чыгат. Үйшүн, аргын, найман менен бирге айтылат.
Аргын Каракожо Алтай айланасы. Манас туулганда тойго чакырылат.
Багыш Манас менен кошо жүрөт. Башкы каармандар катышкан согуштарга катышат.
Басыз Башкы каармандар катышкан согуштарга катышат. Мундуз, кушчулар менен кошо айтылат.

 

Бостон Жөөкөс (жоокесек), думара менен бирге кыргыз уруусу делет
Кыпчак Байжигит, Элеман, анын уулу Төштүк,

Ошпур,

Кылыч бек,

Эр Үрбү,

Калдаң бий, Чаганбай ж.б.

Сары-Кол, Кашкар, Камбыл, Кабак-Арт, Туш-Арык.
Моңол Токотой Башкы каармандар катышкан согуштарга катышат.
Найман Көгөн баатыр, Көбөн баатыр Алооке хандын согушунан улам Кырымга ооп кетет.
Нойгут Акбалта,

Чубак,

Акымбек,

Эрменбай

Сары-Кол, Кең-Алай, Ала-Айгыр, Лобнор, Үч-Турпан, Текес, Күнөс, Күрөө, Жылгындуу.
Ногой (С.Каралаевде огой) Манастын уруусу.

Эштек

Адегенде Алтайда турат. Кийин АлаТоого көчүп келет.
Катаган Мунарбий, Хан Кошой Ат-Башы ж.б.
Каңды (Каңгы) Чегиш алп, Акбай, Кадырбай Алтай. Жакып менен туугандар
Кыдырша Анжиан
Окчу Салабат,

Каракесек,

Кейишбай

Ыспара
Тейит жана кара тейит Акбай, Саламат, Кайгыл, Бөгөл Баатырлар Манас менен кошо жүрүшөт. Кыргыз урууларынын бири, кыпчак менен кошо айтылат. Ооганга барганы, Ташкенди жеңип алганы тууралуу маалымат берилет.
Төөлөс Шаабек, Медер Анжиан, Кокон.
Эштек Жамгырчы Оогандын бери жагы делет.

Жогорудагыдай кылып эпостогу бардык урууларды (алаштын, кыргыздын, калмактын, кытайдын ж.б.) таблица түрүндө түзүп чыксак, манасчылардын санжырачылык дареметине, билимдүүлүгүнө дагы терең күбө болор элек.

Кыргыздар мамиле, алака-катыш кылган башка уруулар жана уруулук топтор: шибээ (шибей), кара кытай, манжу, солон ж.б. тууралуу да манасчы-санжырачылык элдик билимдерине таянып бизге кеңири айтып берет.

 

АРХИТЕКТУРА ЖАНА КУРУЛУШ БОЮНЧА ЭЛДИК БИЛИМДЕР ЖАНА ТАЖРЫЙБАЛАР

«Манастагы» кыргыз цивилизациясы: Шаар маданияты. Философ-профессор Жамгырбек Бөкөшов: «…көчмөн десе эле төөсүнө боз үйүн жүктөп, кокту-колотту аралап, жер кезип жүргөн элди элестетишет. Ал эми тарыхты талдай билсек көчмөндөрдүн да айыл-кыштагы, калаа-шаары болгонун көрөбүз. Бийлик жүргүзгөн ордосу болгон…

…Демек, суу түтүк болсо, темир-тезек урунса, алтын буюм-тайым турса, бул цивилизация эмей эмне? Бул сыпаттаманын артында канчалаган билим чөгүп турат? Ордонун өзүнө тиешелүү бийлик жүргүзүш эрежелери бар. Калаанын өзүнө мүнөздүү социологиялык, коммуникациялык, этикалык касиет-белгилери болот», – деп жазып[1], Манас доорундагы кыргыз шаарын терең изилдөө зарылдыгын белгилейт.

«Манас» эпосунда архитектура жана курулуш иштерине Манас өзү катышып, баш болуп тургандыгы айтылат:

Айкөлүң Манас кан болуп, Дубалын туюк уруптур.

Туйгунуң Манас туруптур.

Төрткүлүн төрт кат уруптур,

Төрөң Манас туруптур

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 12)

Айчүрөк келин болуп келгенде кайын энеси Каныкей ага «мекен кылып алгын» деп Аксарайды энчиге берет. Ошондо Айчүрөк Аксарайдын айланасын бек кылат, ортосуна алтын так кылат, аны жакут, кохар менен кооздотот, алтын менен сырдатат, күмүш менен чырматат. Азыркыча айтканда акустикасын өтө кылдат табат («Эки киши унчукса, өзүнөн өзү ырдаган»).

Анан дагы таш жыйып тоо кылат, мунун өзү табиятты элестетип турат, Аксарай тургундары таштын касиетин өздөрүндө кабыл алат. Карагайдан ноо кылат, дал ошол карагай ноо менен келген суу адамга жагымдуу болуп, ар кандай бактерияларды өлтүрүп, сууну дизинфекциялап, башкача бир жагымдуулук, табигыйлык берген. Ал жерге чычкан да жойлоп өтпөгөн, айланасы болсо чеп-коргон менен тосулган.

Абулгазы Бахадур хан бин Араб Мухаммед «Түрк санжырасы» деген эмгегинде киркиз (кыргыз) эли Ибир жана Сибир деген жерде Селеңге жана Аңгыра муран деген улуу суулардын алабында жашарын, төрөлөрү Орос ынал экендигин, ага Чыңгыз хан белектерди тартуу кылганын, алардын ичинде башы-аягы, жүзү, көзү кызыл ак шумкар бардыгын жазат. Андан ары Аңгыра муран Ачы деген деңизге куярын айтат. Ошол куйма жерде Алакчын деген шаар бар экенин, күмүш кени болорун, казаны да, табагы да, аягы да – барчасы күмүштөн жасаларын белгилейт[2]. Бул, албетте, санжыра, бирок тарыхый окуялар аралашкан, бир топ кылым мурда кол жазмага алынган эмгек.

Ачы деңизинин боюндагы Алакчын деген шаары болсо, демек, шаардын башкы белгиси – отурукташуу, буга караганда кыргыздар отурукташкан, шаар маданиятын өзүнө сиңирген, алардын өзүнчө инфраструктарасы болгон деп айтууга негиз бар. Өндүрүш ишканалары (күмүш эритүү, күмүш буюмдарын жасоо), дипломатиялык мамилелери (Чыңгыз хандан тартуу алуу), бийлик бутактары (ыналчылык) болгондугун көрөбүз.

Бул Орос ынал 1207-жылда «кыргыздарды моңгулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишиси «Инал» мансабы менен аташкан. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (Орус) инали, Каркатай инали деген сыяктуу бир нече баш кишилеринин аты айрым-айрым доорлордо аталганын окуйбуз»[3] деген тарыхый маалыматтарга бир кыйла жакындашып кетет, а түгүл Манастын теги да ошол Ороздунун он уулунан келип жатат.

Ороздунун убагында кыргыздар:

Эне-Сайды жердеди,

Кара кытай, калмакка

Дегеле моюн бербеди, Айбатынан коркушуп,

Айлына душман келбеди. Арбып малы төлдөдү.

Эч жамандык көрбөдү,

Тукуму өсүп көбөйүп,

Токсон миң үйлүү эл болду» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 297-б.).

Эпикалык дастандын тексттери менен тарыхый маалыматтар бир топ тогошуп аткан бул мезгилде кыргыз шаар маданияты, 90000 үйлүү калкы бар экендигин манасчынын оозунан уктук. Албетте, ал кездеги шаар азыркы түшүнүк менен көп кабат үйлөрү, мунай менен жүрүүчү автомобилдери бар калаа эмес, кышта отурукташып, жайында көчүп кетүүчү элдердин чогула турган, топтоло турган жери болушу керек, ал жерде хан ордо, душмандардан коргологон сепилдер, чакан өндүрүш ишканалары болушу кажет.

Кыргыз элинин дүйнө таң кала турган математикалык, геометриялык,  архитектуралык, кол өнөрчүлүк билимдери боз үй маданиятында сакталган. Боз үй – бардык жагынан төп келген көчмөн турмуштун жашоо жайы болуу менен ал улуттук эмпирикалык билимдердин натыйжасы катары азыр эми жалпы планетага кыргыз элин таанытты.

Боз үйдүн 12 артыкчылыгы белгиленет:

  1. Дүйнө таанымдуулугу (аалам модели сыяктуу дейт)
  2. От касиеттүүлүгү
  3. Көчкөнгө ылайыктуулугу
  4. Жагымдуу материалдуулугу
  5. Табиятка шайкештиги (экологиялуулугу)
  6. Табигый аба алмашуусу
  7. Маалымат кабылдоочулугу
  8. Имараттуулугу (архитектуралуулугу)
  9. Бөлмөлөштүрүүсү
  10. Жер титирөөдөн сактоочулугу
  11. Тарбиялуулугу 12. Ыраттуулугу[4].

Боз үйдүн көлөмү ар түрдүү болгон. Аны кыргыз үй деп да аташат. Ак өргөө, ак ордо, конок үй, кураштырма үй, жолум үй, тул салган үй, ашкана үй, жылкычылардын үйү, кара үй ж.б. формаларда жасашкан.

«Манаста» Кошой тиккен чатырдын кырк чоро бир бурчунда эле калат. Эпосто ашка тиккен боз үйлөр, жоодо ар бир жоокерге тигилген чатырлар, баатырга же конокко арналып тигилген боз үйлөр, жаңы үйлөнүп жаткандарга тигилген боз үйлөр тууралуу айтылат, жолум үй, өргөө, чоң өргөө, ордо ж.б. боз үй архитектуралык курулуштары тууралуу сөз болот. Кереге, ууктары, түндүгү жыгачтан, талдан, күмүштөн, алтындан болгондугу айтылат. Бир эпизоддо боз үйдү Бөлөкбай уста жасаганы даңазаланса, дагы бир сүрөттөөдө «ууктарын учтатып, учу сайын ууктун кара манат тыштатат», «босогонун сыртына болоттон чеге кактырат, каалганын бетине ажыдаар менен жолборстун сүрөттөрүн жаткырат», ал эми кийизин «келдик койдун таза жүн таза жерге жыктырып, тасмалдатып кырктырып, тогуз жүз кемпир чогултуп, тырмакка салып тыттырат».

Жусуп Мамайдын вариантында: Атаңдан калган ак ордо,

Алты жүз киши киргенде, Тар келбеген чак ордо.

Үй маанисин менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Төтөгөсүн карасаң, Төрт эли кундуз жээктүү. Босогонун башаты, Сомдогон алтын тээктүү. Токсон төөнүн таруусу, Тогуз күнгө жетчү эмес. Сексен төөнүн күрүчү, Сегиз күнгө жетчү эмес.

Эшигинин алдынан, Эл жыйылып кетчү эмес. Бечел адам кыйкырса, Төр жактагы эштчү эмес. Төрөсү менен Каныкей, Төр жагынан кетчү эмес. Ырасын айтсам учурбай, Үй чоңдугу ушундай. Ортосунда көп ногой, Ордо салып атуучу. Эр жагында кырк чоро, Алчыланып жатуучу. Эпчи жакта Тазбаймат, Казан асып жатуучу. Төр жагында төрө, бий, Кеңеш кебин айтуучу. Үй тигилүү туруучу, Кең Таластын жолунда.

Чарыктап көктү тиреген, Чамгарагы чылк калай. Чеберге ченсиз кылдырган,

Желбоосу жез чынжырдан. Бастыргысы дейилда,

Башкы боосу манаттан.

Айта берсем кеми жок, Сарамжалы санаттан. Тышын аппак бордогон, Ичин кызыл сырдаган. Салтанатын даңк кылып, Жамакчылар ырдаган. Чырашын сонун келтирип, Чийине жибек чырмаган. Кастарлуу ошол ордоңду, Каныкей энең кармаган.

Конок болгон даам ичип, Кош колдоп бата арнаган.

Керегесин көктөбөй,

Сары жез менен тээктеп, Ак этегин үйүңдүн Кундуз менен жээктеп. Көздү тартып ак ордоң, Көктү тиреп туруучу.

Колунан каухар төгүлгөн, Усталардын устасы,

Төкөр уста Бөлөкбай[5] ж.б.

Боз үйдүн порумун С.Каралаев күндөп-түндөп айтканы белгиленип жүрөт. Боз үй – «Манас» эпосунда кыргыздардын негизги жашоо жайы гана эмес, бүтүндөй тиричилиги байланышкан ыйык жайы катары сүрөттөлөт. Жамандыкжакшылыктын баары ошол боз үйдө өтөт.

Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Патила Бекетаеванын айтуусу боюнча кыргыздар Күн, Ай, Жер, Планета, Жылдыз, Адам сырларын боз үйгө камтышып келген, анын сыры астрология жагынан чечилет деп келип, мындай дейт: «боз үйдүн 12 чамгарагынан түшкөн 12 уук ааламдын сырткы жана 28 уук  ички дүйнөсү болуп эсептелинет. Сырткы дүйнөсү 6 оң, 6 сол – 12 планета, ал эми ички дүйнөсү 6 ай оң, 6 ай сол – 12 ай. 2 кереге оң – Жаз, Жай. 2 кереге сол – Күз, Кыш. Боз үйдүн босого баштагы эки узун, эки кыска оң жана сол ууктар акырек уук болуп саналат…  Түндүк – Адамдын башын билгизет, ал эми төрткө бөлүнүшү – мээнин желке үлүшү, төбө үлүшү, маңдай үлүш, чыкый үлүш. Ууктар нерв тамырлары болуп саналып, чамгарактан түшкөн 12 уук Адамдын сырткы органына кызмат кылат: мында,  адам баласы  кадам шилтеп басканда, босогосу аркылуу 6 оң, 6 сол жилиги кыймылга келип турат. Ал эми калган 28 уук Адамдын ички органынын кызматын аткарат. Адамдын ички органдары болуп эки оң, эки сол – төрт кереге эсептелет. 6 оң, 6 сол ууктары  –  Адамдын 12 жилиги. Башкача айтканда, оң жак кол-буту, сол жак кол-буту… 12 чамгарактын ортолорундагы экиден түшкөн ууктар 12 оң,12 сол 24 уук – 12 саат күн,12 саат түн 24 саат – бир сутка. Боз үйдүн босогосу – бул Күн, Ай, Жер, Адам ааламдарынын босогосу. Күн ааламынын босогосу айланбайт. Ушул босого аркылуу  саат аттаганда – экинчи күнгө жер жыла баштайт. Күндүн сырткы дүйнөсүндө Планеталар жана ички дүйнөсүндө Жер, Ай, Адам ааламдары чамгарак (муун) аркылуу кыймылга келип босого аркылуу оң, солго айланып турушат»[6].

Кызык ой жүгүртүү. Мына ушул айтылгандарды негиз кылып Канат Кыдырмаев боз үйдүн Аалам жана Адам, Убакыт менен байланышын заманбапташтырып компьютерге түшүргөн. Анын сүрөтү төмөндө берилет:

Боз үй – төрт мезгилде

тең жашоого ылайыктуу, кышта аны тез жылытууга, үстүнө жааган карын айланып күүп түшүрүүгө, ичине жагылган от менен кийиздерин кургатууга, сел келсе, 6-сүрөт. Алай районунун

Гүлчө айылынын тургуну

Патила Бекетаеванын айтуусу боюнча Канат Кыдырмаев

компьютерге түшүргөн боз үйдүн

Аалам, Адам, Мезгил менен байланыштары.

туурдукту сыйрып коюуга, шамал болсо, желбоону ортого кагылган казыкка катуу  байлап, өрө кийизди сыйрып салууга болот. Боз үй жасоо жыгаччыларды (түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга, ача бакан), уздарды (үзүк, туурдук кийиздери, боо-чуусу, чий, аяк кап, чыны кап), элдик эстетиктерди (жаратылышка ылайык жерге тигүү, тоого, ойго, сууга ж.б. нерселерге жарашыгы, айлана-тегерегин булгабоо ж.б.), табигый билимдерди билүүнү (шамалдын багытын, күндүн тийишин, суу агып келбешин кароону) талап кылган, демек, эл ичиндеги адамдардан ошондой өнөрдү жана билимдерди өркүндөтүүгө шарт түзгөн. «Ошо боз үйдүн өзү да бүт турум-турпаты (конструкциясы, функционалдуулугу, декору ж.б.) менен айланадагы жандуу жана жансыз жаратылышка органикалык түрдө жалгашып, алардан түк айрып алгыс болгон – деп жазат адабиятчы Калык Ибраимов. – Бир сөз менен айтканда, боз үйдү айдың ааламдын ажайып бир микромодели десе болот. Ошонусу менен ал тээ атам заманда эле стационардык архитектура жагынан өркүндөп өнүккөн канча бир калктарды тамшандырып суктандырган. Чындыгында да, миңдеген жылдар бою муундан-муунга уламдан улам өркүндөтүлүп отуруп, боз үйдүн архитектоникасы функционалдуулугу жагынан да жана көркөмдүгү жагынан да кайталангыс түр-түспөлгө жеткени шексиз. Ошондуктан отурукташкан калктар маданиятынын не бир эстет көйкашкалары көчмөндүн боз үйүнүн жанга жайлуулугуна жана асем көркүнө так катып көз артышканы кокусунан эместир. Анын айкын бир мисалы – көөнө замандагы көрүнүктүү Кытай акыны Бо Цзюй-Инин көчмөндөрдүн боз үйүнө арнап, чын жүрөгүнөн чыгарган төмөнкү эң сонун ыры далил:

Сан миң койдун жүнүнөн, Сансыз түйдөк түрүшөт. Сай талдардын түрүнөн Кереге-уугун сүрүшөт.

Түндүктүн буурул таңында,

Көк мунарык шаңында,

Көркү сонун боз үйдү,

Көкжал көчмөн эрендер Көк жайыкка тигишет.

Буюруп жазмыш бу күндү, Түндүккө түштүк жүгүндү. Көчмөндүн акбоз өргөөсү, Жергеме жетип тигилди.

Куюн тийсе солк этпейт, Жаан-чачын эч өтпөйт. Дубалы жок, бурчу жок, Ичи жылуу, көңүл ток.

Жоокерлер менен жол кезип, Тоо-талааны арытты.

Акбоз үй конуп короомо, Көргөндүн көзүн талытты.

Ай мунары астында, Ажары көңүл толкутат.

Ажайып кийиз жабуусу Кыш чилдесин коркутат.

Кереге-уугу келишкен,

Керемети тири укмуш. Саймалуу үзүк-туурдук,

Сарамжалы бир укмуш.

Очогунда от бийлейт, Ойноктоп от шок бийлейт. Өз тамын чанып андайда, Ушундай үйгө ким кирбейт.

Коломто чогу кызарган, Кызгалдак гүлдөй албырат. Туш кийиз, көрпө, шырдактар, Көргөндүн көөнүн дал кылат. Колуңдан келсе жыргап кал, Төрүндө жатып магдырап.

Түнөргөн түндө түтүнү, Түндүктөн көккө чубалат. Мас болуп жыпар жытынан, Көлкүлдөп көңүл кубанат. Көктөмдө кирген шар суудай, Көөдөндү жарып ыр агат.

Ушундай укмуш үйүнөн,

Бейишти берем десе да, Кандай бир пенде чыгалат.

Канчалар жүрөт камыштан, Алачык жасап алышкан, Аязда тоңуп калтырап. А боз үйдүн жөнү бир башка, Адамды айраң калтырат.

Дүйнөдөн безген, жер кезген, Кечил да ага таңгалат.

Карыздан башы чыкпаган, Эртеден кечке уктаган, Кесир да ага таңданат.

Кадырлап сыйлуу конокту, Боз үйдөн күтүп сүйөмүн. Балдарым үчүн боз үйдү, Бапестеп сактап жүрөмүн.

Менсинген хандын сарайы, Боз үйгө кайдан теңдешсин! Ак урса дагы ага мен

Ак өргөөмдү бербесмин!

[ыр орус тилинен макала авторунун (К.Ибраимовдун) котормосунда берилди].

Андан ары адабиятчы жогорудагы ырдын автору Бо Цзюй-И (772-846) Тан доорунда жашап өткөндүгүн,  ал азыркы Шинжаң (Чыгыш Түркстан) аймагында Карашаар менен Аксу аралыгында өкүм сүргөн Куча (Кучар) өлкөсүнүн тектүү бий тукумунан чыккандыгын, анын дээрлик үч миңге жакын ыры сакталып калгандагын, Бо Цзюй-И (мунун мааниси «Боз Үй» болушу мүмкүн дейт К.Ибраимов) ылакап ат менен жарыялашы толук ыктымалдыгын жазат[7].

Кытайдын таанымал акыны жазган боюнча ал өз жерине көчмөндөрдүн боз үйүн тиктерген, анын бүт жасалышын үйрөнгөн, ага кечил да, кесир да таң кала карайт, аны хан сарайга алмашпайт, конокторун ошол жерде күтөт, аны көзү өткөндө балдарына белек катары калтырат. Мына ушул эстетикалык табити жогору акынды суктандырган боз үй кыргыз элинин билиминин, кол өнөрчүлүгүнүн эң жогорку жетишкендиги экендигин танууга болбойт.

Дагы бир улуттук сыймыктуу буюм-таберик – бешик. Анын жайлуулугу, конструкциясы, жасалыш материалдары, өзгөчө арча бешик, күлтүк, сөөктөн шимек жасоо – таң каларлык билимдердин натыйжасы экенин дүйнө окумуштуулары тан алууда. Бешикте жаткан бала термелип, ыргалып жатат, термелүү, ыргалуу – адамдын дене боюнун гана эмес, акыл-эсинин да өсүүсүнө оңтойлуу шарт түзөт. Термелүү менен бирге баланын кулагына бешик ыры жаңырып турат, дүйнөгө келген адамдын адам болуп калыптануусунда кыймыл (бешикте терметилүү) жана музыка (өзүнчө обону менен тилек-каалоо айтылган бешик ыры) экөөнүн гармониясы өтө чоң мааниге ээ болот. Кыргыздар мына ошол бешикти ойлоп тапкан. Көчүп-конгон эл бешиктеги баланы ошол бешиги менен энесинин улоосуна таңып берип коюп, кете берген, бала уктай берген. Ар кандай кырсыктарга кабылып калган кезде да бешиктеги бала эсен-аман сакталган учурлар болгон.

Бешик – атта артууга жеңил, аял-эне көтөрүп жылдырууга ыңгайлуу. Бала астын булгабайт, анын сийдиги шимекке, андан күлтүккө түшүп, өзү кургак жатат. Ысыкта тор, суукта башка жылуу материал жаап, бешиктин жабууларын абанын ысык-суугуна карай өзгөртүп турушкан. Анын материалдары да таза, табигый дарактардан: арчадан, талдан, теректен жасалган. Бала ойносун үчүн бешикке чүкөлөрдү, шуру-мончокторду тагып коёт да, бала ошолорго жетемин деп ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт, акыл-сезимин өстүрөт. Бешикке карышкырдын, илбирстин, бүркүттүн, аюунун чүкөсүн, тырмагын, тишин тагып коюшат, алар баланы ар кандай кырсыктардан сактап турат дешкен. Бешик – баланын уктоосуна ыңгайлуу буюм. Бешикке баласын бөлөп коюп, энеси оокат-тиричилигин өткөрө берген.

Жазуучу Мухтар Ауэзов: «Эл болуу үчүн бешигиңди оңдо», – деп айтат, кыргыздардын элдигин сактоодо да бешик өзгөчө мааниге ээ болгон.

Кыргыз элинин салт билимдеринде курулуш курууга байланышкан да билимдерди көрүүгө болот. Бул биздин күнгө чейин жеткен элдик курулуш маданияты. Манастын күмбөзүн куруу үчүн аялы Каныкей 800 төө менен кербен жиберип, курулушка керектүү ылай издетет, алар Анжиан, Наманган сыяктуу жерлерди карап, ылайыктуу топуракты Күлбөдөн табат. Топуракты уйдун, эчкинин жүнү менен кошо ийлеп, ылай кылуу үчүн алтымыш балбан аралаштырат. Ошол ылайдан кыш куят. Манасты кенотаф ыкмасында көмгөнү менен анын формалдуу күмбөзү эл көзүнө көрүнсүн, башка дос-душманга билинсин дейт. Бул өзүнчө ошол доордогу курулуш искусствосунун жетишкендиги болгон.

Балык Кумар уулу (1799-1887) Манастын күмбөзү кандай курулгандыгын ыр саптарында мындай туюнтуп, баатырга күмбөз куруу технологиябыздын сырларын ачып берет:

Алтымыш эркеч майына Кыш бышырып бек урган. Бетине накыш салдырган Кышын күлботодон алдырган.

Турпагын алып элеген

Ылайын чыраштан салып бөлөгөн.

Кумданган кыш бышырган,

Кышы бекем болсун деп, Кенчи ылайдан төшөгөн.

Ылайын баскан ат менен

Бетине накыш салдырган.

Ариби чийип кат менен Устасын ылай элеткен.

Урум журту билбейт деп,

Жазуусун араби менен сүйлөткөн. Алды жакка таш коюп, Белбоодон көтөргөн.

Бекем болуп турсун деп, Кенчи ылай менен бек урган. Уста салып кыш куйган, Уруучу элге мал сойгон.

Иштемекке сарт алган, Арабиден уста алып, Мындай сарай ким салган?! Эр Манастын күмбөзү, Күн чыгышта турганы. Урумдан алган устасы, Окшомдуу кылып урганы.

Мазар камыр төбөсү,

Асты жаккы түбүндө Эр Манастын сөрөсү.

Кең-Колдун куйган боюнда Мазар терек чынарды, Чынарың сынбай турарбы.

Алган экен устаны,

Азаматым Ыраман Окшомдуу кылып урарбы.

Асты жагы Кең-Колдо Булуң-булуң сазы бар, Булуңда жүргөн казы бар. Тобулгу, талы билинбейт, Токойдон жери көрүнбөйт. Кекилик менен корозу

Бирге жүрсө билинбейт.

Демек, күмбөздүн курулуш материалы: эркеч (эчки, койлордун короосун алдыга жүрүп баштоочу чоң эчки) майына бышырылган кыш, эленген турпакка бышырылган, ат басып бышырган ылай, кумдап бышырылган кыш, күлбото (гүлбото) – көгүш түстөгү ылай; чыраш (чыранч) – чайыр, клей ж.б. Куруу технологиялары: алды жакка таш коюп, белбоодон көтөргөн, кенчи ылай менен бек урулган, накышталган (накыш – сайма, түр), жазуусу араб ариптери. Усталары: сарттар, арабилер. Жайгашкан жери (архитертуралык ансамбли): «Күн чыгышта турганы», «Асты жаккы түбүндө, Эр Манастын сөрөсү», «Кең-Колдун куйган боюнда», «Мазар терек чынардын» фонунда ж.б.

Бурана жана Өзгөн архитектуралык комплекстери, Таш-Рабат сарайы ж.б. толгон-токой күмбөздөр, мечитмедреселер, кербен сарайлар улуттук мемарчылыктан жана курулуш өнөрүнүн баа жеткис кенчтери жана элдик билимдердин натыйжалары.

Дүйнөдө «Чыгыш мемарчылыгы» деген түшүнүк бар, анын ичинде «Орто Азия мемарчылыгы» өзгөчө орунда турат. Дал ошол эчен кылым карыткан салттуу курулуш жана мемарчылык өнөрүндө жана билиминде кыргыздардын да үлүшү болгон. Усталык Чыгышта эң барктуу билим жана өнөр катары эсептелген. Атын тарыхта калтыргысы келгендер, жылдап шаарма шаар кыдырып уста издешкен, таланттуу устадан алар эч нерсе аяган эмес, жээн калтырышкан, балдарынын оозуна түкүрткөн… Ошол усталардын бири Молдо Кыргыз Уста болгон. 1846-жылы Наманганда туулган. Жашынан диний билим алган, математика, география, табият илимдерин окуйт. Учурунун эң мыкты архитектору катары таанылган. Намангандагы ал курган Атауллаххан төрө мечитинин ачылышына катышкан көптү көргөн, арзавасы алыс кеткен, муктарам коноктордун бири Атауллаххандан сурайт: «Төрөм, устаңыз Ыстамбулга качан барган?» Төрө: «Биздин уста буягы Оштон, аягы Букарадан нары өткөн эмес» – дейт. Мейман жакасын кармайт: «Ыстабулга барбастан, ая София мечитин көрбөстөн, бу имаратты ошол даңазалуу имаратка окшотуп коюш… Эй, тооба». Коногу там берет. Букара, Самарканд шаарындагы тарыхый эстеликтерге окшоп кеткен бу мечитти Молдо Кыргыз тубаса шык, акыл, парасат менен ушунчалык чебер салган, күмбөзүнүн чоңдугу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда (Түркстандагы Ахмед Йассивийдин күмбөзүнөн кийин) турат, келбет-башарасы бардык калаага (фонго) дал келип айкашкан.

Өткөн кылымдардагы усталар имараттарды көп жүз жылдыктарга жетишин, кулабай турушун каалашкан, ошого аракет кылышкан. Молдо Кыргыз өзүнүн атын калтырган медресесинин шыбына: «Адамдар келип-кетет, бирок алардын сооптуу, таза иштери түбөлүк жашай берет» деген жазуу калтырган. Кылымдарды карыткан биналар көбүнчө мечит-медресе (а Чыгыш элин илим-билимден артта калган деп келишпедиби), мончо (а бизди тазалыктан артта калган эл деп айтышчу эмес беле), күмбөз (тарыхый инсандарга сый көрсөтүү) катары курулган.

Эчен уруш-согуштарды, зилзалаларды көрсө да былкылдабаган «эскинин калдыктарынын» көбү советтик техниканын сүзгүчүнө туш келди, а түгүл жардырылды, канывайраны чыгып, тамам болду. Көрсө, бул жеткен акмакчылык, варварчылык тура.

Уста Молдо Кыргыздан Намангандагы Атауллаххан төрө мечити менен Молдо Кыргыз медресесинен тышкары Төрө-Коргондо Кайыпназар медресеси, Чуста Лутфулла Мавлана кабыры, Анжианда Атакову мечити, Кокондо да бир топ эстеликтер, кыскасы, Фергана өрөөнүндө, анын ичинде азыркы бөлүнүш боюнча Кыргызстанда да көптөгөн мончолор, мечит-медреселер, күмбөздөр табарик болуп калды. Алар курулуштун жерпайын ушунчалык бышыкташкан, жерден туруп казылган жерпайга бычак таштаганда сайылган эмес экен, анан такпай (фундамент) тарткан, ар бир кышты бирден ийлеп, эзип, анан кармап көрүп, уста өзү жараткандан кийин гана бышырылган. Адегенде кудайдан тилеп, мал союп, бата тартып, анан ошо чөлкөмдөгү эң пакиза киши биринчи ташын койгон, ошо жылы дубалы жарым-жартылай көтөрүлүп, анан аны саратан ысыгын жедиртип таштап коюшкан, дубал асаттын ысыгына как болуп бышкан, бина ошерге былкылдагыс болуп орногон, анан жыл айланыппы, кайра келип андан ары улантып иштешкен… Ылай үчүн чопо тандаганы, аны ылайыктаганы өзүнчө сөз.

Уста Молдо Кыргыз эң көп шакирт чыгарган, алар кыргыз элинин салттуу курулуш-мемарчылык билимин жайылткан, кылымдарга өткөзүп берген. Демек, биз боз үй менен гана мактанбай, шаар курулушу, шаар мемарчылыгы менен

[1] Бөкөшов Ж. «Манас» эпосу жана кыргыз элинин салт билимдери // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 216-б.

[2]  Абулгазы Түрк санжырасы // Кыргыздар 14 томдук: санжыра, мурас, салт, элдик билимдер жана рухий маданият. 4-т. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: «Бийиктик», 2011. – 25-26-бб.

[3] Өмүрбай М.К. Кытайдан табылган кыргыз ажосунун айкели // Көк асаба. – 2015. – 23-декабрь. – 3, 6-7-бб.

[4] Жумабаев Б. Кыргыз дүйнө таанымынын табигый үлгүсү болгон боз үйдүн 12 артыкчылыгы // Ж.Баласагын атындагы КМУнун жарчысы. – Б.: 2010, серия 6. Атайын чыгарылышы. – 63-67-бб.

[5]  Семетей. Жусуп Мамайдын айтуусунда // http://erkindik. ru/forum/topic/690

[6]  Бекетаева П. Боз үй – ааламдын жана адамдын көрүнүшү // Көк асаба. – 2013. – 13-26-апрель.

[7] Ибраимов К. Боз үй жана кытай акыны Бо-Цзюй-И [Электрондук ресурс: http://www.azattyk.org/content/blog_chine_poetry/27646142.html] // Азаттык, 2016. 31-март  мактанууга акыбыз бар.

АГРОНОМИЯЛЫК ЖАНА МЕЛОРАЦИЯЛЫК БИЛИМДЕР

Кыргыз элинин тарыхы, маданияты тууралуу кеп кылганда биз көбүнчө алардын көчмөн турмушта жашаганын, аңчылык, малчылык, кол өнөрчүлүк менен шугурлангандыгын айтып, дыйканчылык кылгандыгын аттап өтүп кетебиз. Чынында дыйканчылыксыз адам да, мал да жашабайт, себеби алардын жашоосунун негизи кара эгинден турат.

Тарыхый маалыматтар, алардын ичинде ханзу жылнаамалары, байыркы кыргыздар эгин эккендиги, а түгүл аларды өздөрүнөн ашырып, башка тайпаларга саткандыгы тууралуу баяндап берет. Бул айтылгандарды археологиялык казуулар да ырастайт. Ата-бабаларыбыз Эне-Сай дайрасынан жана ага куйган куймалардан өтө татаалдыгына карабай суу чыгарган, арыктар аркылуу талаа-түздөргө суу алып барган. Археологиялык казууларда V кылымга таандык темир жана жыгач буурусундар табылган. Азыр карап көрсөңүз биздин Ала-Тоо аймагыбызда деле тоо боорлорунда эски арыктардын нугу байкалып турат, демек, кайсыл бир кылымдарда ал жерлерден суу жүргөн деп болжолдоого болот. Эне-Сайда ушул кезге чейин эле «кыргыз атыздары», «кыргыз арыктары» бар экендиги айтылып келет.

Ханзулардын Жаңы Таң жылнаамасында кыргыздардын арпа, таруу, буудай, жылаңач арпа эгишери, эгин тартар тегирмендерди бар экендиги, эгин тартып андан тамак-аш жасап, бозо ачытышары, каганы нан жеп отурганы тууралуу жазган жер кездешет.

Ал эми «Манас» дастанында Манас Чоң жинди аталып жүргөн бала чагында досу Мажик менен бирге «аккан суусу жок, ак элечек тоосу жок» жерге жандоодон жерди оюп, суу агызып келишип, эгин эгет.

А түгүл «жети жерди ойдурду, жерге сууну толтурду» деп азыркы суу сактагычтарды ошол кезде эле жасагандыгы айтылат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 30-б.). Мындай ирригациялык курулуштарды балдар жөн жерден кура коюшпайт, аны үчүн жандоонун бийиктигин, арыктын суу агызууга мүмкүн болгон траекториясын, суу сактоо үчүн кайсыл жерди, кандайча кылып оюу керектигин жөнөкөй болсо да илимий негизде билиши керек. Эгер аны билбесе, суусу алдыга эмес, артка агат, же көл болуп туруп алат, суу сактагычтагы суулар сакталып турбай жерге сиңип жок болот ж.б.

Манас жана анын командасы жаш чагынан эле мына ушуну билген. Демек, азыр кыргыз жериндеги эң ири суу сактагычтар болгон Токтогул, Орто-Токой, Папан, Төрт-Күл суу кампаларынын башаты Эне-Сай доорунда эле, Манастардын мезгилинде эле дыйкандарга кызмат кылганын айта кетүүгө тийишпиз.

Манас менен Чубак Жусуп Мамайдын варианты боюнча күн жылып, жаз болуп, эгин чыгар чак болгондо:

Сары өзөк талдан чаптырып,

Башы менен сабына,

Аябай шынаа кактырып, Буурусунду жасап бүтүрүп, –деп жер айдоого керектүү буурусун деген эмгек куралын жасайт. Аны жасоо технологиясы: материалы – сары өзөк тал, бышык кылуу үчүн буурусундун башы менен сабына шынаа кагышат.

Ошондон кийин ат менен айдап, тукумун (үрөөнүн) коюу чачышат да, чырпыктан кылган мала менен тегиз малалап чыгат.

Кара суу менен айдатып,

Кыйын арык каздырып,

Өнүп жерден чыкканда,

Кара топо бастырып, –деп кадимки дыйканчылык кылат.

ЭЛДИК ВЕТЕРИНАРДЫК БИЛИМДЕР

Байыртадан эле кыргыздар географияны, биологияны, экологияны, ветеринарияны эмпирикалык деңгээлде жакшы билгендиктен биоартүрдүүлүктү коргоп, жайыт которуштуруп турган, жылкыга, топозго, койго, эчкиге, саан уйга ылайыктуу жайыттарды тандашкан, малдарды ар кандай ылаңдардан дарылашкан.

«Манас» эпосунда жаныбарларды таптоодогу, ооруларын айыктыруудагы билимдер, малчылык билимдери, мал багуу технологиялары, өзгөчө жылкыларды согушка даярдоо, союшка ылайыктуу семиртүү кеңири каралат.

Мал жаюу: көктөө; жайлоо; күздөө, кыштоо деген төрт мезгилден турган, ошол мезгилдерге карап, мал үчүн көчүп-конгон.

Жаныбарлардын ылаңдары:

Көбүнчө жылкынын дарттары: маңка, кырчаңгы, сакоо, аксак, жем түшүү, түйнөк, томуктоо, топчулоо.

Көбүнчө кара малдын дарттары: кара сан, шарп.

Көбүнчө жандыктын дарттары: айлан баш, жаталак, котур, кара өпкө.

Көбүнчө канаттуулардын дарттары: өлөт, чума.

Мындайда малчылар жаныбарлардын оорусуна карай ар түрдүү дары чөптөрдү жедирген, алардан суюк дары жасашкан, сыйпаган ж.б. Андай өсүмдүктөр: уу коргошун, эрмен, шыбак, зире, айрыктуу гүл, чөп чай, каз таңдай, бака жалбырак, ат кулак, кызыл мыя, тумак саадак, көк чай чөп, беде, суу кымыздыгы, жалбыз, чекенде, адырашман, меңдубана, көкө мерен ж.б.

Малдарды дарылоодо хирургиялык жолдор да колдонулган, мисалы, жаратын кырып алып ордуна дары койгон, бедеге ичи көпкөндө ичинин бир жерин акырын жарып жел чыгарган ж.б.

Миң сандаган малы болсо да Манас туулганда Акбалта сүйүнчү айтып барса Жакып кан:

Кара жалдуу кула бээ

Бир ак сур кулун туудуруп,

Шыйрагын оңдоп шыпырып,

Тумшугун сыгып телчитип,

Энесине ээрчитип,

Олтурган экен бай Жакып

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 65).

Мунун өзү адам канчалык көп малдуу болсо да, алар ошол малын өзү карап, элдик ветеринардык билимге ээ болгондугун көрөбүз. Эгерде Жакып жаңы туулган кулундун шыйрагын шыпырбаса, тумшугун сыкпаса, жалпы телчитип, энесине ээрчитпесе анда ал мынчалык байлыкка жетмек эмес. Бул жерде Жакыптын мал артынан түшкөндүгү, малга кароолугу гана эмес, анын мал кароо тажрыйбасына ээ экендиги да айтылып жатат.

ЭКОНОМИКАЛЫК БИЛИМДЕР

Эл турмушунда экономикалык билимдердин да өз орду болгон. Ал билимдер элди сарамжал, үнөмдүү болууга үйрөткөн. Эгер андай сапаттарга ээ болбосо, ал эл тарых бетинде гана калып, жер бетинен жок болот. Арстанбек акын минтип ырдаган:

Эсиң оосо, эчки бак,

Мейли чебич, мейли улак,

Сүтүн ичсең күлазык,

Эти, майы эң артык,

Уяң тыбыт апаппак, Чөп жакшысын таптаган, Көк бетеге, көк шыбак.

Эгиндердин жакшысы

Эрте бышкан ар убак

Арпа болот баарыдан, Ичип алсаң жармасын

Талканы чын күлазык[1].

Мындай ырлар Токтогул Сатылгановдо да учурайт: «Эсиң кетсе, эчки бак, эчки тубат үч улак, сүтүн берет эки убак».

Эчкинин кол карабастыгы, жыл сайын жана эгизден төлдөшү, этсиреген кезде улактарын союп жегенге ылайыктуулугу, сүтү адамга жагымдуу экендиги, тамакты да алмаштырары алары кедей адамдар үчүн байыганга биринчи мүмкүнчүлүк экендиги айтылууда.

Кыргыздар байыркы доордон эле жазгы үзүмчүлүк мезгилине, узун сары убагына деп согум этин сакташкан, чөлмөн чучук, нан чучук, түндүк чучук, ай чучук, чогултма чучук деп өздөрү үчүн жана конокторго деп чучуктарды даярдап, аны көлөкө жерде кургатып, арчанын түтүнүнө ыштап, жыгач идиштеги ундун ичине салып, бир жылга чейин сакташкан. Чучук – адамды тоюмдуу кармаган, кубаты жогору, аш болумдуулугу мыкты болгон.

Деги эле кыргыздар чыгымсыз жашоого (безотходный) үйрөнгөн, мисалы, малдан саалып алынган сүттү тартып алып, жаңы каймак бөлүп алып жешкен, андан артканын сызгырып, чөбөгөсүн, майын колдонгон, сүттү өздөрү бала-чакасы менен ичкен, ашканын айран кылган, айранды калтага илип, сүзмө кылып, сүзмөнүн сары суусу сарыкканда курут кылып катырып алган, курутту оозго салып шимип жеп жүрө берген же өтө катуу суукта аны эзип суюк кылып, үстүнө сары май, айрымдар куйрук май салып ичип алган. Эгер сүт ирип калса, аны да төгүп салбай эжигей, быштак жасап жешкен, булар адам организмине аябай керектүү азыктар болгондугун алар жакшы билген. Койдун, топоздун, эчкинин жүнүн кыркып же тарап алып, аларды жип кылып ийрип, аркан эшкен, кийим токуган. Жапайы жана үй жаныбарларынын терисин абдан жогорку чеберчилик менен ашатып, ийин келтирип, тон, ичик, шым, кемсел, тумак, көрпө, көлдөлөң, бостек, басмайыл ж.б. керектүү буюмдарды жасап алган, алар колдонууга ыңгайлуу, жылуу, жеңил жана көп жылга чыдамдуу болгон. Ошондой жаныбарлардын чүкөлөрүн да ыргытып ийбей, ашык, ордо оюндарын ойношкон, балдарга оюнчук катары берген, карынына сары май куйган, терилерин чанач катары иштеткен, шыйрагын шимек кылган.

Мына ушул азыктар жана буюмдар тууралуу «Манас» эпосунда аябай кеңири айтылат, биз алардан кыргыздардын этноэкономикалык эмпирикалык билимдерин көрөбүз.

Манас доорунда акча ордуна жамбы колдонулган, ал жүгүртүү каражаты болгон, мисалы, Чыйырды жылкычыга «кара кулак чоң жамбы» карматат (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 51).

Эпостогу идея боюнча мал – негизги байлык. Манас төрөлгөндө Жакыптын жылкысы 38000, кою 80000, төөсү 6000, ую 7000  болгон. Мына ошону ал өз колу менен көбөйткөн, көбөйтүү үчүн эң биринчи кезекте – жайыт тандаган.

«Манас» эпосунда салык, алым тууралуу көп айтылат. Башка жерди, бөтөн элди басып алуудагы да негизги максат алардан алым алуу болгон. Калмактар Манас туулганга чейин Жакыптын айылынан салык алып турат, ал мындайча айтылат:

Отуз байтал, беш аттан

От майына бердим деп

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 111).

Манас болсо:

Ай, атаке, деп айтат,

Курулай корктуң тегеле, Кун дегениң эмине? – десе, атасы Жакып: Кун деп санап мал алат, –

деп түшүндүрөт (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 115).

Кан болгондо Канчоро Элге өкүм чачты эми:

«Миң карача төө бер, – деп,

Миң кара кашка бээ бер, – деп,

Бир миң төөгө чай бер, – деп, Миң атанга жүк чыкчу

Кызыл алтын зер бер», – деп,

Калкка алым салды эле

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 17-б.).

«Манас» эпосунда жогорудагы саптарда айтылгандар элдин реалдуу каражаты, тапкан байманасы менен дал келген эмес, алым (азыркы тил менен айтканда салык) калк үчүн өтө оор болгон. Кийин мына ушул алымдын көптүгүнө кыжырданган эл Канчоро ханды колдобой коёт жана элден чыгып, жалгыз калат.

Канчоро Манастын убагынан бери келе жаткан хан ордодогу чынар терек, бай теректерди суу жайылбай соолутат, алмасы бышып көң болгон, жаңгагы бышып дөң болгон жерлердин жаңгагы түгүл чырпыгы жок, дүйнө кара жер болгон абалга алып келет.

Нардан жүздөн төө бер деп,

Алты миң кысыр тай бер деп, Төөгө жүктөп чай бер деп, Аргынга салым салыптыр…

…Салымын таап бере албай,  Аргын көчкөн бир жайга…

…Он эки төөгө чай бер деп,

Кырк миңче кысыр тай бер деп,

Кыргызга       салым       салыптыр        (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 169-б.).

Муну төлөй албай, салымын таап бере албай:

Тели куш учкан темине, Тентиген кеткен жерине.

Кулаалы учкан темине,

Курама кеткен элине (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 169-б.).

Демек, ал кыргыз хандагына саясий гана эмес, экономикалык кризис да жаратат. А бул болсо элдик төңкөрүштүн башаты болот.

[1] Залкар акындар. 3-т. – Б.: 2006. – 177-б.

 

МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ ТУУРАЛУУ БИЛИМДЕР ЖАНА ЭЛДИК ДИПЛОМАТИЯ

«Манас» эпосу – кыргыз мамлекеттүүлүгүн көрсөткөн, мамлекет болушу үчүн керектүү чен-өлчөмдөрдүн бар экендигин тастыктаган элдик чыгарма. Мамлекеттүүлүктүн башкы белгилери: гимни, герби, туусу, башкаруу өнөрү, башкаруучусу, башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелеринин түзүлүшү, калкы, аскери. Философ аалым Аскар Какеев мындай деп жазат: «Манас» эпосу бул мамлекеттик бийликтин эң жогорку ээси, ажосу, ханынын эң негизги символдорун, эн белгилерин, атап айтканда, таажынын, Туунун, Гербдин – эн тамганын, Гимндин – ураан ырынын, отурган жеринин – ордонун, хандыкка көтөрүүчү салттын ак кийизи, айтор, бийлик жүргүзүүнүн башкы талаптарын, эрежелерин камтыгын улуу мурасыбыз. Чындыгында, «Манас» – бул кыргыз мамлекеттик символдорунун башаты жана жыйнагы»[1]. Биз бул айткан ойду чыгарманын тексти менен улам-улам таанышкан сайын бекемдеп отурабыз. Демек, мамлекеттик символдорду иштеп чыгып, аларды колдонуу үчүн төмөндөгүдөй нерселер керек болот: биринчиси, башка мамлекеттердин тажрыйбаларын үйрөнүү; экинчиси, мамлекеттеги ички өзгөчөлүктөрдү, уруулук-улуттук белгилерди терең билүү; үчүнчүсү, элдин жана бийликтин психологиясын өздөштүрүү. А булар болсо элдик билимге ээ болуусуз мүмкүн эмес.

Кыргыздар өзүнчө гана бөлүнүп жашабаган, алар абдан көп уруу-уруктар менен мамилелешкен, мисалы, Манас он төрткө келип, душмандын баарын жеңип турганда аны алып кетип, алтайлыктарды уруш-коогадан куткаралы деп он бир жигит он беш күн жол басып Жакыпка келет, алардын эли-жери: бири – Кумулдан, бири – Камбылдан, бири – Мар шаарынан, бири – Тарландан, талкоо кытайларынан, бири – Ындыстандын бери жагындагы доңшу кытайлары Коңгудан, дагы бири – Котон суусу, Таңшуу көлү бар далбаа элинен, бири – Жеркенден ж.б. (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 219-220).

Чоң казаттын алдында хандар: Элемандын Эр Төштүк, эштектерден Жамгырчы, казактардан Көкчө, кара жаак Үрбү, анжиандык Санжыбек, буудайыктан Музбурчак ар бири бир-бирден элчи жигит чыгарып, аларды Манаска жиберет. Ошондо булар барган жол: Кыйша-Тоо – Намуттун чөлү – Кытмырдын бою – Жеркен – Кашкар – Чакмактын бели – Чатыр-Көл – Нарын кечүү – Жумгал – Суусамыр (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 18).

«Манаста» мамлекеттүүлүктүн дагы бир айкын белгисин көрөбүз. Мисалы, Манастын ордосуна элчилер келгенде алар менен Бакай гана сүйлөшөт, башкалар кыңк этпей турат. Андан кийин сөздү Ажыбай алат, ал чыныгы дипломаттык сапаттарга ээ: алтымыш тил билет; «коңур чечен»; «сөзү ширин жагыштуу»; «кой оозунан чөп албайт», «үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн, айрылганын септеген, ажыраганын эптеген», «ак калпак кыргыз кыйласын акыл менен тепсеген», «акылга дыйкан табыштуу» ж.б. (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 28).

Хан ордого элчиликке келгендердин урматына төрт азамат төөдөй болгон көк доолду кагышат, казынасын ачтырып, агар алтын, ак күмүш чачтырат, элчилерди алып барып бир сарайга жаткырат, билимдүүгө бактырат, дөбөдөй эт кылып, ноот көлдөй чык кылат, алты күн той берет, ар бирине алтымыш сарпай кийгизет, алты бедөө мингизет, алты аргымак ат берет.

Башка өкмөттөр менен дипломатиялык мамиле түзүү үчүн кат алышуу маданияты болушу керек, ал эми кат алышуу үчүн кеңсе кызматы уюштурулушу зарыл. Мына ушул кызматтар Манастын хандыгында болгондугу текстте мындай айтылат:

Андай болсо, келгин деп,

Келе мөөр, бергин деп,

Катчыга катын жаздырды,

Жыйып алып кандарын

Жыгалуу мөөрүн бастырды, Чоң дептерге тапшырды

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 59).

Мына ушул жерден Манастын хандыгынын демократиялык негизин (хандарды жыйып алышы) жана мыйзамга негизделгендигин (мөөр бастыруу) көрөбүз.

Өкүмөт берип карыңа,

Көтөрсөңөр кантет деп,

Көк жалың айтты мындай кеп

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 62), – деп кадимки өкүмөт болгондугун көрөбүз. «Өкүмөт» деген сөз өзү «өкүм» дегенден келип чыккан, демек, анын өз мыйзамы жана ошого ылайык өкүмү болот. Ошол өкүмөт башчылыкка Бакай шайланат:

Бу сөздү маакул көрдүк деп,

Бул аскердин өкүмүн

Эр Бакайга бердик деп

Андай болсо келиңер

Келе мөөр бериңер?

Катчыга катын жаздырды,

Жыйып алып кандардын

Жыгалуу мөөрүн бастырды, Эр Бакайга тапшырды

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 62).

Буга караганда катчы кадимкидей буйрук чыгарат, мөөрдү өкүмөт башчыга тапшырат.

Анан дагы мөөр бул – жыгалуу. Ал буюм азыркы айылдык башчылар чөнтөгүнө салып жүрө бере тургандай кунсуз неме эмес, Манас доорундагы мөөрдө жыга болгон, ал деген атайын тамга, белги, муну өзгөчө этият сакташкан, себеби ал өтө маанилүү документтерге гана басылган. Дагы бир топ учурларды жарлык тууралуу сөз болот. Жарлык – бул хан тарабынан жалпы элге жете турган буйруктар, жарлык – бул мамлекеттүүлүктүн атрибуту:

Арстан Манас каның деп,

Жарлыгы ушул анын деп

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 71), – айтылган жер бар.

Ушундай мамлекеттүүлүк жөнүндө айткан соң мына ушул жерден кытайлык тарыхчы жана филолог Макелей Өмүрбайдын изилдөөсүнө токтоло кетүү эп[2]. Ал кытай жазма булактарын жана таш эстеликтерин карап отуруп, бир топ кыргыз ажолору өзүнчө мамлекет курап, башка элдер менен кат алышып, жазышып, элчилери жана өздөрү барышып келишип, кыскасы, дипломатиялык мамиле түзүп тургандыгын белгилейт. Биз кытай дегенде эле алар жаралгандан бери эле кыргыздар менен сөөк өчтү душман болуп, көрүнгөн жерден согуша кеткендей түшүнүп калганбыз. Кыргыз менен кытай элдери да жанаша жашап, кошуначылык мамиледе болуп келген учурлар көп эле болгон, анын ичинде андай мамилелер «Манас» эпосунда да сүрөттөлөт. Эгер «Манас» эпосу адабий чыгарма болсо, анда манасчылардын көркөм ой жүгүртүүлөрү, мифологиялык түшүнүктөрү көп аралашып кетсе, чыныгы тарыхый инсандар тууралуу маалыматтар да элдик эпостун идеяларына окшошуп кетет. А түгүл биздин замандын V кылымынан XIV кылымына чейинки кыргыз хандарынын, ажолорунун, какандарынын, багачорлорунун, бектеринин айрымдарынын өмүр жолдору, тагдыры улуу эпостун айрым эпизоддоруна негиз болуп бергенсийт. Ал кыргыз башчылары төмөнкүлөр:

  1. Какей хан: 583-603-жылдарды хан болгон.
  2. Элтебер Ишбара ажо: 643-жылдан 37 жыл бийлик жүргүзгөн, 648-жылы Таң империясынын борбору Чаң-Ан (Чанъань, азыркы Сиан) деген жерге иш сапары менен барып, император атайын кабыл алуу уюштурган.
  3. Тачам Кутлук: 681-693-жылдары эл башкарган.
  4. Жетисан Бекбай Багачор: 693-708-жылдарда багачор болгон жана анын айкели ушул кезге чейин Таң падышачылыгынын борбору Чаң-Анда турат.
  5. Барс бек: 708-жылдан бек болгон, 4 жыл эл башкарган, ал тууралуу Орхон-Эне-Сайдагы Тонукук, Күлтегин, Билге каган тууралуу жазылган таш эстеликтерде айтылат.
  6. Кутлук Билге каган: 711-жылдан он бир жыл каган болот, Таң жылнамааларында ал тууралуу «айтканынан жазбаган, беттегенинен кайтпаган» кошуунду баштап жүргөндүгү баяндалат.
  7. Ишбара Шайжо Баш эркин: 722-жылдан бир гана жыл эл башы болот. Ал башка түрк кагандары менен кошо Таң падышачылыгынан ордосуна барат, падыша аны өзгөчө сыйлап, «ноён сангун» наамын берет.
  8. Чолпон Бага Чоң эркин: 723-жылдан 35 жыл эл башкарат, ага да Таң падышачылыгынын ордосуна барганда «ноён сангун» наамы ыйгарылат.
  9. Билген Тон эркин: 758-жылдан 790-жылга чейин кыргыз журт башысы болот, ал кезде кыргыздарды уйгур бийлиги басып турган. Арабдар менен соода жүргүзгөндүгү жазылып калган.
  10. Кыргыз хан: 790-жылдан 32 жыл тактыда отурган. Уйгурлар менен жыйырма жыл согушканы, алардын ордосун талкалап, олжого Таң императорунун кызын куткарып, аны атасына алып баратканда уйгурлардын анча-мынча калып калган тобуна кезигип, алар элчилерди, коштогон жоокерлерди өлтүрүп, кытай падышасынын кызын тартып алгандыгы жөнүндө айтылат. Аты белгисиз, бирок 982-983-жылдары перси автору тарабынан жазылганы дайын »Худуд ал-‘Алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб» («Чыгыштан батышка карай дүйнө чектери») деген китепте да «кыргыздардын баш кишиси Кыргыз хан деп аталары» жазылып калган.
  11. Бойла Кутлук жаркан: 822-жылдан 863-жылга чейин такта отурган каган. Ал «Мен Бойла Кутлук жаркан…» деп керээзин ташка чектирген («Сужи эстелиги»). Анын ээлигине Эне-Сайдан баштап, Тянь-Шань, Памирге чейинки кеңири аймак кирген. Айрымдар Яглакар каган ушул киши болушу керек дейт. 840-жылдан тартып жети жылда Таң императору менен 15 жолудан көп мертебе кат жазышкан, ал каттары азыр да сакталуу. Ошол жети жылда Кытай падышасына үч жолу элчи жиберет. Анын бири 843-жылга таандык. Анда Жоокусол баш болгон 300 элчи Таң дөөлөтүнүн борбору ЧаңАнга куш, тайган сыяктуу тартуулары менен барат. Ошол элчилерди падыша сүрөткө чийдирет, ордо бүтүкчүсү Лү Шу «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» деген китеп жазат. Китепке аалым-вазир Ли Дийү баш сөз да жазган экен. Таң императору Бойла Кутлук жаркан, же Яглакар каганга 847-жылы элчи жиберип, «Бабасынан бери акылман, баатыр каган» деген наам тапшырган.
  12. Орус (Ороз) инал: 1207-жылдарда кыргыздарды монголдор басып алганда кытайлардын Юан жылнаамысында жазылгандай Орозду (Орус) иналы, Каркатай иналы деген башкаруучулары болгон.
  13. Мөңкө Темир хан: 1399-жылдан эл башкарат, Огачы Кашка, Бурят Огачы деп да аталат. Монгол бийлигинин тушунда атсо, артай уруулары менен кошо ойрот ханын жеңип, такка жеткен. Юан падышачылыгынын наамын ногой (татар) деп өзгөртүүгө жетишкен. «Ойротто жок» баш киши катары өкүм жүргүзгөн.
  14. Эскей хан: 1415-1425-жылдардагы эл башчы. Мөңкө Темир хандын уулу. Эл ичинде Отор хан деген ат менен белгилүү. Ойроттор менен катуу согуштар жүрүп, кыргыздар алсырап, батышка карай сүрүлгөн.

Бул тарыхый маалыматтар бир катар кыргыз таануучу аалымдардын эмгектеринде[3] ар кандай трактовкаланат. Жалпы жыйынтыгында байыркы учурдан тартып эле кыргыздар кытайлар менен, анын ичинде VI-VII кылымдарды Тан империясы менен дипломатиялык байланышта болгондугу айтылат. Мына ушул тарыхый окуялар «Манас» эпосунда көркөм адабий чыгарманын мыйзамдарына ылайык чагылдырылган, демек, ал тарыхый окуялар тууралуу манасчыларда маалыматтар болгон.

Ошол эле кезде кыргыздар кытайдын демографиялык абалын, өсүүсүн, улам жер чегин кеңейтип отурганын, географиялык жайгашуусун жакшы билген. Мына манасчылардын белгилөөсүндө Кытай мамлекети, эли жана журту, тарыхы:

Басташып душман жеңбеген,

Барса келбес жер деген,

Уругу кытай улуу журт,

Көптүгүн көрсөң кара курт.

Кылым кытай эл деген,

Кыяматка жеткенче

Кылайып душман жеңбеген

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 89).

Бээжин ысык жер деген,

Ысыгы маза бербеген

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 90).

Бээжинди бекем жер деген, Кытайды кылым эл деген

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 90).

Эгерде кыргыз элчилери, жеркезерлери, тыңчылары кытай жерине барбаганда, ал эл тууралуу ар түрдүү маалыматтарга ээ болбогондо алар тууралуу мындай так, даана айта албайт болчу.

Элдик дипломатиянын, мамлекет тууралуу билимдердин дагы бир көрүнүшү – ошол мамлекеттин башчыларын аныктоо. Муну Манасты хан көтөрүү инагурациясынан айкын көрөбүз. Манасты хан көтөрүү алдынан чоң той берилип, анда тогуз жүз мал союлат, токсон миң адам келет (Ж.Мамай), ыр-күү, улуттук оюндар коштолот, болочок хандын эрдиктери, адамгерчилиги даңазаланат. Манасты хан көтөрүү аземинде алтымыш уруу алаштын ар бир 480 кишисине бирдей бий шайланат. Ошол эле кезде 40 жигитке Кыргыл башчы болот. Кырктын бийи Ыраман байдын Ырчы уулу дайындалат. Кеңешкор бекитилет. Хан шайлоодо хан болуучу талапкерди ар тараптан сынайт. Хан болуунун чен-өлчөмдөрү: баатырдыгы; согушта кол баштап жүрүшү; акылмандыгы; элге жакындыгы. Ошон үчүн Олуя Бакай «Башчы болбой иш болбойт, баардык ишин жайкаңар, оң-тескери сүйлөбөй, ойлоп туруп шайлаңар» (Жусуп Мамай) деп айтат, демек хан шайлоодо болочок хандын бардык ишин байкоо, аларды таразага салып салмактоо жана экинчиси, шайлоочулар оң-тескири сүйлөбөй, ойлоп туруп чечим чыгаруулары кажет.

Шайлоо процессинин жүрүшүнө көз салуу үчүн байкоочулардын отуруш формасы: уй мүйүз.

Отуруш тартиби: Эң төрдө Бакай карыя, эки жагында эң аксакалдар, андан кийин бектер, султандар, кийин бийлер, андан соң ар уруунун башчылары.

Отурган жери: мал баспаган шибер, анын үстүнө килем, анын үстүнө баяндоос салынат.

Отургандардын тамак-ашы: аякка толтурулган кымыз.

Шайлоочуларга таратылып берилген нерсе: кумалак (көчмөн жашоонун символу)

Отурган жердеги бош орун: алтын менен ширетилген эч кимдин буту баспаган ак кийиз.

Бул байыркы кыргыз демократиясынын абдан мыкты үлгүсү. Мыкты ойлонулган кеңеш түзүмү. Булардын баары демократиялык шайлоо жолу менен тандалат, ал процесс мындай:

  1. Шайлоочулардын баарына бирден кумалак таш берилет.
  2. Ал кумалак таштар атайын даярдалган уяга салынат.
  3. Кумалак таштардын толук эсеби алынат, алар таратылган эсепте толук ташталганда гана шайлоо мыйзамдуу болду деп эсептелет.
  4. Хан шайлоо жыйынын чечимин Бакай окуп берет.
  5. Чечимди жарчылар жарлап жалпы элге угузат.
  6. Керней-сурнай тартылат.
  7. Сүйүнчүлөгөндөр ат чаап алыс-жуука кетет.
  8. Ак кийиз салынып, ага мыйзамдуу хан болгон киши ак жолтой өкүмдар болсун деп жетимиш кишинин коштоосунда отургузулат.
  9. Ак кийизге отургандан кийин Бакай жаңы шайланган ханга аппак тон кийгизет, бул ак жолтой, ак ниет хан болсун, ага элдин тилеги ак деген маанини туюндурат.
  10. Манас хандын башына алтын ак калпак кийгизелет.
  11. Манас ханга ак олпок кийгизелет.
  12. Манас хандын бутуна саймаланган өтүк кийгизелет.
  13. Манас ханга Бөлөкбай уста жасаган жоо-жарактары тапшырылат.
  14. Манасты алдына алтын ээр-токумдуу Аккула аты алынып келинип, атка мингизишет.
  15. Хан ат үстүндө элге убада-шертин берет.

Шайлоо процессинин соң  Манас расмий хан болгону менен айтуучулар көп учурда «хан» деген эпитетин кошпостон анын «айкөл», «баатыр», «эр» деген эпитеттерин көбүрөөк кошот. Ал керек учурда хандыктан түшүп да берет. Мисалы, Бээйжинге жүрүш алдынан кеңеш кылып, 14 ханды чакырганда Манас хандыктан түшүп, Бакай хан болуп турат, себеби ал жерде олуя Бакай хандын акылмандыгы эң эле керек болгон. Же болбосо Бээйжинге урушка жөнөгөндө хандыкты Манас кытай уулу Алмамбетке өткөрүп берет. Кытайга каршы согушка баратса, анын улуту кытай Алмамбетке хандыкты өткөрүп берет деген эмнеси деп Манастын жакын кишилери каршы чыкканга да карабай, бийликти бүт Алмамбетке ыйгаруу менен анын аскердик билимине, жер сырын билген акылмандыгына, кыргыз колунун ичиндеги кадыр-баркына ишенген.

Башка элдин өкүлдөрүн кызматка коюу Кыргылга берген кызматтан да көрүнөт, Манас жаңыдан аскер курап жатканда:

Түркмөндөн келген Кыргылды,

Кырк кишиге баш кылды

Киши кылбас иш кылды

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 498-б.).

Манас биринчи жолу калмакты жеңгенде токсон миң болгон эл болуп, тогуз күнү той бергенде калмактардан да келип, конок болушат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 509-б.).

Кийин дале Манас бийлигин монархиялык негизде атадан балага өткөрүп бербейт, кеңеш түзүмү, курултай чечип, кырдаалды карап, кийлигише турган Манас, Семетей жок кезде эле кыргызды бириктирүү милдетин Семетей, андан кийин Сейтек алат. Демек, «Манас» эпосундагы хандык мурас эмес, ал тарыхый кырдаалдан жана Бакай сыяктуу акылмандардын чечиминен улам келип чыгат.

[1] Какеев А. “Манас” эпосундагы мамлекеттик эн тамгалар, символдор // “Манас” ааламы. – 2016. – №1. – 21-б.

[2] Өмүрбай М.К. Кытайдан табылган кыргыз ажосунун айкели // Көк асаба. – 2015. – 23-декабрь. – 3, 6-7-бб.

[3] Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. – М.-Л., 1950. ч. 1. – С. 352;

Бутанаев В.Я, Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов // Абакан: ХГУ им. Н.Ф. Катанова, 2000. – С. 272; Супруненко Г.П. Документы об отношениях Китая с енисейскими кыргызами в источнике IX в. «Ли Вэй-гун Хойчан Ипинь Цзи» // Известия АН Киргиз. ССР, Фрунзе, 1963. Сер. обществ. наук. Т. 5. Вып. 1. – С. 72; Худяков Ю.С. Из истории дипломатической практики государства кыргызов на Енисее (в связи с находкой мраморных табличек у с. Райково) // Новейшие археологические и этнографические открытия в Сибири. – Новосибирск, 1996. – С. 241.; Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – Бишкек, 1995. – С. 82.

ЭЛДИК ГЕНЕТИКА

Генетика – адамдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түпкү насили, анын өзгөрүш мыйзамченемдүүлүктөрү тууралуу илим. Бул илимдин гаплогруппа деген тармагы бар, алар ДНК-генеалогияны изилдеп, бир адамдын ата жагы, апа жагы кайда барат, ким ким менен тууган, же жакын экендигин аныктап берет. Кыргыздардын элдик салттуу билимдеринде да эмпирикалык генетиканын өз орду болгон. Аны кандай учурлардан көрүп эмнелерден байкайбыз? Биринчи учур – жети ата түшүнүгү. Балдар ата жагынан өзүнүн тегин жаш чагынан жаттап, алардын ким экендигине кызыгып, сурап-билип өсөт. «Жети атасын билбесе – жетесиз» дешет казактар да, кыргыздар да. Улуу кишилер өздөрүнөн жаштарды көрсө, же балдарга учураса, адамдар бири-бири менен жайма-жай отуруп сүйлөшүп калганда жети атасын сураган, же жолугушуунун алгачкы кеби жети атадан башталган. Сурашкандар жети атага чейин кайсыл бир аталары бир киши болуп калса, тууган чыгып, кучакташып көрүшүп, бири-бирин конокко чакырган. Кызга жуучулар келгенде да жети ата суралган. Эгер жети атага чейин бир жерден кошулуп калса, алар куда-сөөк болуудан баш тарткан. «Жети ата өтпөй кыз алып-кыз беришпейт», «Жети ата өтпөй келин албайт» деген катуу тартип-эреже болгон.

Жети ата кыргыздарда мындай иреттештирилет: 1. Ата. 2. Чоң ата. 3. Баба. 4. Буба. 5. Жото. 6. Жете. 7. Теги. Казактарда мындай: 1. Бала. 2. Эке. 3. Ата. 4. Үлкен ата. 5. Баба. 6. Түп ата. 7. Тек ата (Эки элде тең башка да варианттары кездешет).

Кыргыздарда жети атасын билүү милдет болгон жана аны билбей калган адам болгон эмес. Бул нерсе – урууларды жоголуп кетүүдөн, башка уруулук топтор менен кошулуп кетүүдөн сактаган, адамдарды ынтымакка, туугандыкка чакырган, аларды этнобиологиялык, этномаданий, руханий жактан жакындаштырган, уруу аксакалдарына баш ийүү салтын карманууга мажбурлаган. Уруу тартибин бузгандарды элден чыгарып, журттан кууган. Мына ушундай учурлар болгондо бүт жети атасына доо кеткен. Андай бузукуларды тарбиялоого андыктан уруулаштары да жооптуу болгон.

«Манас» эпосунун дээрлик бардык салттуу варианттарынын баш жагында Манас баатырдын ата-теги, түпкү аталары тууралуу баяндоо менен башталат.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын теги: Жакып – Ногой – Көгөй – Түбөй – Бабыр – Байгур – Аланча хан – Каракан (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 184).

Тоголок Молдонун вариантында Манастын теги: Жакып – Ногой – Кара кан – Чаян кан – Бөйөн  кан – Түмөн кан (ТМ, 1, 19).

Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын теги: Жакыпкан – Каракан – Балакан – Ногойкан – Чаянкан – Бөйөнкан (СК, 1, 20-22).

Жусуп Мамайдын вариантында Манастын теги: Жакып кан – Орозду – Кара кан – Чайан кан – Бөйөн кан – Бөтөй – Бөдөнө – Кан Мамай (ЖМ, 292-296) ж.б.

Дагы ошол вариантта (Ж.Мамай) түп ата Угуз хан болот, анын балдары, тукум-уругу бүт хан болуп келет. Анан тукумунан Калаш деген бирөө абдан келбеттүү болот да, элиндеги чаар туулган балдарды өлтүртө берет, акыры өзүнүн да бир баласы чаар туулат, ал төрт жашка толгондо өлтүртмөк болот, ошондо вазирлеринин бири муну мен ээн жерге алып барып өлтүрөйүн деп сурап алып, аны «элге барба, ушул кырда жүр, атың эми Кыр кез болот» деп тоого башка балдар-кыздар менен кошуп коё берет. Ал жерден жанагы чаар балалуу болуп, атын Бөйөн коёт, андан Чайан, андан Каракан, андан көп тукум тарайт, ошолордун бири Орозду. Ал ойротто жок чоң болот, Чыңгыш моңгулга да баш бербейт, 90 000 үйлүү эл болот, Эне-Сайды жердейт. Ороздунун беш катынынан он уул төрөлөт: бир катындан – Жакып менен Шыгай, бир катындан – Катаган менен Каткалаң, үчүнчүдөн – Акбалта менен Жамгырчы, төртүнчүдөн – Касиет менен Калка, алардан казактар тарайт, кичи катындан – Текечи менен Кызылтай туулат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 302-303-б.).

Жусуп Мамайдын айтканына караганда: биринчиден, Манастын ата-теги чаар баладан тарайт; экинчиден, түпкү ата-теги бүт эл-журт башкаргандар (ак сөөктөр) болот; анын аталары кырда (тоодо) туулгандардан экен. Анан дагы Манастын чоң атасы Орозду Чыңгыз хан (монголчо Тэмүжин доорунда, ал 1155-жылы туулуп, 1227-жылы каза болгон) доорунда аларга баш ийбей, тизе бүкпөй жашаптыр. Ороздунун убагында кыргыздар абдан ырахаттуу, бейпил жашагандыгы ушул вариантта таамай баяндалат.

Бул вариантка караганда Манас баатыр XIII-XIV кылымдарда жашаган тарыхый адам болуп чыгат.

Эпостогу мындай баатырдын тегин айтуу ыкмасынын максаты эмнеде? Биринчиси, болочоктогу баатырдын түпкү теги (жети атасы) баары эл башкарган ак сөөктөр экендиги, эми ошол салт Манаска өтүүгө тийиштиги; экинчиси, эпостун кийинки окуяларында жети атадан тараган балдардын ынтымагы жана ыйкы-тыйкылыктары башка адамдарга сабак болуусу керектиги. Эгерде терс сапаттагы адамдар болсо, ошол эле адам эмес, анын жети атасы жектелет:

Жети атасы капыр деп,

Абаң Жакып муну айтат. (СК, 1, 43)

Бээжинден көчкөн кытайдын,

Беш калаа сан көчү жок,

Бейилсиз калмак тура тур,

Жети атаңдын өчү жок! (СК, 1, 167). Эпосто «жети ата» түшүнүгү ошол элди биротоло жок кылуу, тукум курут кылуу катары колдонулат:

Жети атасын жайладык,

Кол-аягын байладык, (СК, 2010, 1, 417) Жети атасын талкалап, Тирүүсүн айдап жок кылдым.

(СК, 2010, 1, 330)

Дагы бир учурда аябай айыгышкан, сөөк өчтү душман болуп калгандарга карата да ушул түшүнүк колдонулат: Көтүмдү жара чапкыдай Жети атаң өчү менде жок. Бу, Гүл-Токой кытай эли эмес (СК, «Семетей», 1, 206).

Абдан көп учурда жети ата – ошол жер мекени, ата журту, бабалары жердеген түпкү теги катары түшүнүлөт:

Балам, Манас, тилимди ал! Аманат жанды багалы,

Ал Жылдыздан өткөн соң,

Түзү токой, тоосу кар,

Ала-Тоонун башы бар.

Жети атанды тууган жер,

Энең киндик бууган жер,

Бекине консок бел ошол. (СК, 1, 235)

Жети атасы көзүн жуумп,

Өткөн жерге келатат (СК, «Сейтек», 134) ж.б.

Кыргыздардын элдик түшүнүгүндө адам жети атасынан бир жеринен чыгат, аларга мүнөз-кую, жүрүш-турушу, өң-түспөлү, кыймыл-аракети, а түгүл дос-душмандыгы да окшош же жакын болот деген идеялар айтылат.

Ошондой жакындыкты жана жети ата өтпөй кыз алышпоону азыркы заманбап медицина да далилдеп жатат, ал эми кыргыздар ал практиканы миң жылдап колдонуп келген.

Кыргыз элинде «Курама темир курч болот» түшүнүгү бар.

Кайраты толук чын арстан,

Атасы кыргыз нойгуттан,

Энеси кытай кызынан,

Чубактын уулу Канчоро

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 36).

Элдик генетиктер балдарга туура тамак берип, ар кандай витаминдер менен камсыздаган. Кыргыздар жалаң эле эт жана сүт азыктарын жей берген эмес, Манас туулганда ага арнап той берип жаткан Жакып «Таза болсун дасторкон» деп «мөмө-чөмө жемишке, так жүз киши жиберет». Элүү бордоку өгүз союлат, төрт жүз төөгө арттырган, мөмө-жемиш, алты жүз төөгө артылган аппак күрүч, кырк миң чанач меш менен кара мейиз салдырган кызыл арак» келет (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 77-78).

Манастын генетикалык жактан уландысы болгону үчүн Семетейди атасындай баатыр, эр жүрөк чыгаруу үчүн: Каныкей менен Чыйырды Бакайдын сөзүн ойлонот. «Баланы жакшы баксак» – деп, Күнү-түнү толгонот. Курч жүрөктүү болсун деп, Куйрук, казы, жал берип. Кайратына толсун деп, Көнөккө салган бал берип. Кардын анын ачырбай,

Каймакка бышкан нан берип,

Эрте-кечте жээрине,

Куурдак менен май берип. Каркытына ичсин деп, Кандыра кымыз, чай берип.

Тумшуктууга чокутпай,

Тырмактууну тийгизбей,

Таманын жерге бастырбай, Эски кийим кийгизбей.

Эли башка экенин,

Эстетип ага билгизбей Багып жүрдү алпештеп,

Чыйырды менен Каныкей.

Атанын баласы болуу үчүн жалаң эле өңү-түсү, келбети, кыял-жоругу окшобостон, эл үчүн кылган кызматы да окшош керек деген идея айтылат. Чубактын баласы Канчоро атасындай балбан, баатыр болгону менен элге каршы туруп, каршы иштерди иштейт.

Генетикадан түшүнүгү болгону үчүн кыргыздар дүйнөнүн көптөгөн элдеринен айырмаланып, жети ата өтпөй кыз алышпаган, баатырлар атайын алыскы жактан, бөлөк элден хандын кыздарын (ак сөөктөрдү) таап, ошолорго үйлөнгөн, алардан баатыр балдар төрөлгөн (Манас менен Каныкей, Семетей менен Айчүрөк, Курманбек менен Айганыш ж.б.). «Энесин көрүп кызын ал», «Сөөк жаңыртуу», «Аккан арыктан суу агат», «Жатыны жаман жарыбайт», «Бээсин көрүп кулунун ал», «Жакшыдан айгыр сал», «Мурунку көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат» деген ата сөздөрү мына ошондон кылган.

Каны таза болгону үчүн «Манастагы» айрым адамдардын көп жашаганын көрөбүз, мисалы, Жусуп Мамайдын вариантындагы «Семетей» бөлүмүндө жүз жыйырма төрт жаштагы Жамгырчынын кадимкидей душман менен согушканына күбө болобуз, бул анын сөөгүнүн тазалыгынын далили.

Күлчоро жаратынан айыгып Таласка барып Сейтекти биринчи көргөндө Семетейге окшоштуруп мындай абалда калат:

Кулагына кулагын, Куюп койгон немедей.

Мурунуна мурунун

Кыйып койгон немедей. Баш териге баш тери,

Каптап койгон немедей

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 76-б.).  Демек, мында Сейтек Семетейдин өз канынан чыккандыгын көрсөтөт.

Таза кандуулук үчүн кам көрүү «Манас» эпосунда адамдарга гана эмес, жаныбарларга карата да айтылат. Каармандар жакшы малды дайыма Айбанбоздун үйүрүнөн алат. Мында үйүр башчы – айгыр Айбанбоз таза кандуу жылкы жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аккуланын тукуму да, башка күлүктөрдүн тукуму да таза кандуу жылкылардан.

ЭЛДИК ФИЛОСОФИЯЛЫК БИЛИМДЕР

Элдик философия – эл жашоосунун көп кылымдык тажрыйбасынан сыгылып чыгып, элдик акылмандар тарабынан элге кайра жайылып отурган жашоонун маңызы тууралуу, туулуу-өлүү мыйзамдары жөнүндө, өлүм-өмүр жөнүндө, бу дүйнө-тиги дүйнө тууралуу түбөлүктүү идеялар. Мына ушундай ойлорду айткан кишилерди элдик акылмандар, калктан чыккан даанышмандар, журт ичиндеги кеменгерлер дешкен, алар дүйнө жана андагы инсандын ээлеген орду тууралуу философиялык ой айткан. Философия акылмандык тууралуу илим болгондуктан, ал илим негизделгенге чейин эле философиялык ойлор айтылып, муундан муунга тарап келген. Андай акылман ойлор «Манас» эпосунун көркөм курамына бекем сиңген, айрым каармандар калк башына кыйынчылык түшкөн кезде да, колду жоого узатууда да, бейпил күндөрдө да элдик философтор катары көрүнөт. Манасчылар бул же тигил окуялардан жыйынтык чыгарган кезде же окуяларды баяндоо учурунда да өздөрүнүн жеке философиялык ой чабыттарын кошуп кетет.

Жамгырбек Бөкөшов: «Манаста» «…улутубуздун дүйнөкөрүмү, ой түшүнүгү чөгөрүлгөнүн, кыргыздын бар-жок (онтология), чын-жалган (эпистемология), жакшы-жаман (этика) сыяктуу түпкү түшүнүктөрү туюнтулганын аңдасак, Манас тек гана бир кезде жашап өткөн кыргыз ханы, баатыры эмес, ал адам уулунун түп кейпи, тун каарманы экенин да бааласак, анда улуу баяндын башталышы салттын, адам жаратылышынын, коом мыйзамынын маанимазмуну менен шайкеш келерин жазбай көрөбүз», – деп жазып[1], «жарымы жалган, жарымы чын», «эр ортону – элүү», «куу баш», «дүйнө ээси бала», «бузулуп калган калаа» ж.б. түшүнүктөргө философиялык өңүттөн сүңгүп кирет жана бул чыгармада эл философиясы чөгүп жаткандыгын тастыктайт.

«Манастын» философиясында Аалам жана Адам түшүнүгү масштабдуу каралат.

Он сегиз миң ааламды,

Оодарчудай бардашы

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 523-б.), –деп ааламдын кенендигин, көп катмарлуулугун, анан ошол ааламдагы адамдын ордун көрсөтөт. Манасчылар угармандарына улам-улам бул жомоктун «жарымы жалган, жарымы чын» экендигин, «Тоо бузулуп сай болгон, сай козголуп саз болгондугун», «Бүгүн барың эртең жок» замандар, «Төккөн кумдай күн, түгөнбөс эчен түн, эсеп жеткис жыл» өткөндүгүн айтуу менен материалдык дүйнө, жаратылыш бир орунда турбастыгын, баары өзгөрө тургандыгын туюндурат. Ошол өзгөрмөлүү дүйнөдө Сөз гана жашай берет, Манас тууралуу сөз гана кылымдардан кылымдарга улана берет.

Бир убакта Манас баатыр улуу хандыкты түптөгөн кезде ошол хандыктын даанышманы, айтканы эки болбогон, оозунан сөзү, колунан эми төгүлгөн Бакай кийин Канчоронун хандыгында ошол ооматынан кол жууйт, келкели кетип, кеткети келет:

Бүгүн көргөн – эртең жок,

Ушундай экен дүйнө шок,

Ич өрттөнүп, боору чок,

Чыпчышарга чамаа жок.

Бекчейип барып бел кеткен,

Бакай абаң колунан

Бар кайрат качып, ал кеткен

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 22-б.). Мында дүйнөнүн жана андагы адамзаттын өзгөрмөлүүлүгү, бийлик менен байлык кеткенде аларга кошуп «бел кетет», «кайрат качат, ал кетет», «ооздон шекер сөз кетет», «бадырайган көз кетет». Кечээ эле «кеңешке баргыс зор Бакай» бүгүн кор Бакайга айланат. Муну кыргыздар «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деп түшүндүрөт, Токтогул акын «Келериңде дүнүйө… кетериңде дүнүйө…» деген антитезалык саптар менен ачып берет. Адамдын насили, тагдыры ошондой, андан Бакай да качып кутула албайт. Бийликке бирде жакшылар келет, бирде жамандар келет, ошол жакшы жана жаман бийлик ээлери бир кишинин – Бакайдын айланасында жакшылардан жакшылык жана жамандардан жамандык көрүп өтөт.

Семетей кайып болуп, Каныкей Канчорого кор болуп турган кезде жедигердин Кыязына кеткен Айчүрөктүн уулу Сейтек биринчи мертебе Таласка келгенде музоо кайтарып жүргөн Каныкейге жолугуп, бири-бирин тааныбай турганда байбиче мындай дейт:

Токой элем жан келбес, Өрт каптап кара жол болдум. Чалкайган кара тоо элем, Кулап кетип кор болдум. Балам, жал-куйруктан айрылып Сопол болуп турамын. Мүйүзүм сынып башымдан, Токол болуп турамын.

Артык элем ашындым, Ак тулпар элем басындым, Кара лөк элем жоорудум.

Байбиче элем оорудум

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 156-б.).   Адамдын эки түрдүү абалы мында таамай салыштыруулар менен берилип жатат.

Таблица

Каныкейдин ар түрдүү учурдагы абалдары

Уулу Семетейдин доорунда Канчоро хандык кылган кезде
Жан адам кире албаган токой эле Ошол токойду өрт каптап кара жол болду
Чалкайган кара тоо эле Тоо кулап кетип, кор болду
Жал-куйруктуу эле Жал-куйруктан ажырап, сопол болду
Мүйүздүү эле Мүйүзү сынды быркырап, токол болду
Артык эле  Ашынды
Ак тулпар эле Басынды
Кара лөк эле Жооруду
Байбиче эле Ооруду

Мындагы философиялык ой жеке адамдын жеке адамга, бийликтин жеке инсанга тийгизген таасирин, жалпылык аркылуу жекеликке келүү, жекелик аркылуу жалпылыкка баруу идеясы.

Семетейдин хандыгы күчтүү кезинде «асманда жылдыз козголуп, алышкан журттар дос болуп» турган, себеби анын бийлиги «бир өзөндөн кол чыгууга, бир жакадын баш чыгууга негизделген», андыктан анын аскери алты сан болгон.

Бийлик үчүн түбөлүк күрөш, бийлик менен байлыктын келиши, хандык талаш сыяктуу бул дүйнөнүн оош-кыйыш көйгөйлөрү эпопеянын бүтүндөй өзөгүн аралап өтөт. Дүйнөлүк эпостордун көпчүлүгүндө адилеттик кара өзгөйлүктү жеңип, жакшы адамдардын бийликке келиши менен чыгарма финалына келсе, «Манас» үчилтигинин биринчи жана экинчи бөлүмүндө финал трагедия менен аяктайт, бул кыргыз эпосундагы жамандык жакшылыктан да күчтүү, душман достон да жеңиштүү, тышкы душмандан да ички душман – «Өзөктөн чыккан өрт жаман» экендигин кийинки муунга насааттаган идея болуп саналат.

«Манас» эпосундагы Бакай, Каныкей сыяктуу каармандарды элдик философтор катары атоого болот.

Каныкейдин небереси Сейтекке карата айткан философиясы:

Алтын, күмүш, кохар таш, Таштан чыгат дечү эле.

Эргиген өнөр, келчү акыл,

Сен өңдүү жаштан чыгат дечү эле

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 158-б.).

Жарылган баштар жабылар,

Бизге агайын кайдан табылар?

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 168-б.).

Мал аяган каралуу,

Жоо аяган жаралуу

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 179-б.).

Ай бөксөрүп күн өтүп,

Арадан мынча жыл өтүп,

Аңтара серпип шум жалган,

Кетип барат минетип

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 185-б.).

Чоң эненин небересине айткан ыбараттарындагы ой: балдар аталардын ордун басышы керектиги; жаштарды улууларга караганда дагы акыл таба билгичтиги; адамдын денесиндеги жараттар кете тургандыгы, бирок туугандар ортосунда жарат түшсө айыкпашы; кезеги келгенде малды да, жоону да аябаш керектиги; мезгилдин, убакыттын тез өтүп кете бере тургандыгы, ошол жалган дүйнөдө жакшылык иш жасоо керектиги. Мунун өзүндө муундар байланышынын философиясы жатат: Манастын кандайдыр бир башка формада кайталанышы – Семетей. Ал эми Сейтек чоң атасы Манас менен атасы Семетейдин башка бир маңызда, башка бир мазмунда кайра жаралышы. Дүйнө ушундай – атанын бүтүрбөгөн иши балага калат. Муундар кайталанып турат, ошол эле кезде муундар жаңыланып, жашарып, өзгөрүп турат. Эпопеяны циклдештирүүнүн да негизги максаты ошондо. Аны кыргыздар миңдеген жылдар бою «Атан өлсө, тайлак бар, атаң өлсө, туяк бар» деген макалда туюндуруп келет. Эпосто эмне үчүн жалгыз бала – туяк калып жатат, ал кандай кыйынчылыктар менен чоңоюп, атасын билбей-көрбөй өсүп жатат – бул да кыргыз философиясынын маанилүү концепцияларынын бири.

Баатырдык эпос катары «Манаста» жеке баатырдын тарыхый орду абдан жогору коюлат. Жеке адам – окуялардын, жеңиштердин кыймылдаткыч күчү. Бир адамдын тагдыры – жалпы уруунун, элдин тагдыры. Ай-ааламдын баарын жеңип келе жаткан, эч кимден жеңилүү дегенди билбеген, адамдан башка жаралган Желмогуз уулу Сарыбай менен согушка баратканда Сейтек шай колдогон Күлчоро тууралуу мындай деп айтат:

Абам Күлчоро көзү жумулса, Өзөнгө тартып конорбуз, Өрт өчкөндөй болорбуз. Адырга бойлой конорбуз, Ай баткандай болорбуз. Жал, куйруктан айрылсак Топол болуп каларбыз. Мүйүз сынып, баш калса, Токол болуп каларбыз. Бирөө сынса мүйүздүн Күчсүз болуп каларбыз.

Эмчектин бирөө кесилсе,

Сүтсүз болуп каларбыз

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 224-225-бб.).

Сейтек үчүн Күлчоронун өлүмү – Ай баткандай, жал, куйруктан айрылып топол болгондой, мүйүз сынып, токол болгондой, эмчектин бирөө кесилип, сүтсүз калгандай. Бул деген согуш – баатырларды чыгарат, баатырлар – элди сактайт деген идея.

Баатырдык – «Манас» баянынын башкы философиясы, андай сапаттагы адамды доор жана чөйрө жаратат. Кыргыздын баатырлары гана баатыр болуп душмандар алардын астында алсыз эмес, душман тарап биздин баатырлардан, балбандардан ашса ашып түшөт, бирок кем калбайт деген ойлор айтылат. Ошол баатырлар эл уулдары, алардын жүрөгү эл менен бирге, аларды эл тарбиялап баатыр кылып чыгарган, андыктан анын баатырдыгы, эрдиги ошол өзү чыгарган эли үчүн.

Чалкып жатпай жер болбос,

Эл сагынбас эр болбос,

Элдүү киши кем болбос

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 257-б.), –деген саптарга бул идея терең чөгөрүлгөн.

Үчилтиктин эң соңку бөлүгүндө да терең философиялык идея камтылган. Бул дүйнөдө баары өтөт, баары өлөт, өлбөй турган нерсе жок, заттар бир формадан экинчи формага алмашат.  Манас да, Бакай да, Каныкей да, Семетей да, Күлчоро да, Айчүрөк да бул дүйнөдө жасай турганын жасашты, жамандык көрдү, жакшылык көрдү, кубанды, кайгырды, өздөрүнүн дене-боюндагы энергиянын баарын түгөттү, айрымдары жараланды, кыскасы, өлүм менен бет келди, алардын алдында бир гана нерсе – өлүм калды. Бирок күтпөгөн жерден окуя мындай тамамдалат:

«Сапарыбыз карыбас – Кезип жүрөр кез келди», –дешип Бакай, Каныкей,

Күлчоро менен Семетей,

Айдай катын Айчүрөк

Бешөө кайып болушуп, Кетмек болду сапарга.

Тигип койгон айлы жок, Сапарынын дайны жок,

Бүгүн көргөн эртең жок,

Ушундай экен дүйнө шок

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 257-б.).

Эми алар кайда кетти? Кайра эле тексттен жооп табабыз: «тигип койгон айылы жок, сапарынын дайыны жок» жакка кетти, эми алар карыбас сапарда кезип гана жүрөт. Бул сүйүктүү каармандарын өлүмгө ыраа көрбөө, алар өлсө да «өлдү» деп айта албоо. Мындай ыкма – чоң философия, «бүгүн көргөн эртең жоктун» философиясы. Кыргыздар «өлдү» деп айта албай, «көзү өттү», «жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө кетти»,  «пенделик кылды», «келбес жайга кетти» ж.б. деп атаган сыяктуу элдик акылмандуулуктун бир көрүнүшү. Ошолор кайып болуп кеткени үчүн азыркы күнгө чейин биз менен бирге жүргөндөй, бизди колдоп аткандай сезе беребиз.

«Манастын» керемет философиясы да, фантастикалык күчү да ушунда.

[1] Бөкөшов Ж. «Манас» эпосу жана кыргыз элинин салт билимдери // 2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 213-217бб.

ЭЛДИК ЭСТЕТИКА

Элдик эстетика – бул адамдардын табитин тарбиялап, кишилер кооздукту, сулуулукту анын жанындагы куниктиктен, көрүмсүздүктөн ажырата билүүгө көнүктүргөн. Анын булактары өтө көп: сөз өнөрү, сүрөт, курулуштун кооздугу, жаратылыштын кооздугу, музыка ж.б. каражаттар.

Булардын ичинен музыкалык эстетикага токтолуп көрсөк. Кыргыз балдар биринчи күнүнөн эле бешик ырын угуп, комуз күүсүнүн коштоосунда уктаган, анын айланасында куштар сайрап турган, табияттын кооздугу ар дайым жанаша турган. Мына ушул табигый кооздук менен бирге эле балдарга адам өз билими жана өнөрү менен жасаган кооздук да тартууланган. Биздин учурга чейин калк тарабынан аты белгилүү комуз, кыяк, темир комуз, ооз комуз, чоор, чопочоор, чогойно, керней, сурнай, добулбас (доолбас), сыбызгы, дап, жезнай, дилдирек, аса-муса, шалдырак, чымылдак, коңгуроо, жылаажын, жекесан, наама, нагыра, баңдалуу (Анвар Байтурда – бандулуу), шыңгыроо, зыңгырама деген элдик музыкалык аспаптар болгондугу айтылат.

С.Орозбаков айткан «Манас» эпосунда баатыр төрөлгөндө шайырлар «дутар менен комузун колдоруна алып чертишип», «сурнайларын суулап тартышып, ырчылары ырларын айтышат». Демек, бала туулганда эле анын сүйүнүчүнө, тоюна карата үнгө келген музыкалык аспаптар бөбөктүн эстетикалык табитин калыптоого салым кошкон.

Эпостогу музыкалык аспаптарды урма музыкалык аспаптар, чертме музыкалык аспаптар, ийкеме музыкалык аспаптар, үйлөмө музыкалык аспаптар деп карасак болот.

Алардын айрымдарын бир-бирден карап чыгалы:

Добулбас, же анын доол, добул деген түрлөрү үч учурда кагылган: жоого каршы аттанууда; тууга байрак тагылганда; анан жеңиш салтанатында. Муну менен кыргыздар адамдардын рухун көтөрүп, мекенчилдик сезимдерине таасир эткен, психологиясын жоого каршы барууга, коркпоого, тайманбоого тарбиялаган.

Добулбасты бир салып,

Жоо келерин билдирген (СО., 2.45).

Чыгарманын сюжетинде «Күлөөчүгү күлдүргөн, доолбасты бир салып, жоо келерин билдирген» (СО, 2.45), – деген саптар бар.

Керней, сурнай аш-тойго, курултайга, жоого чакырык катары тартылган, аны уккандардын шаан-шөкөткө, оюнзоокко, же согушка даярдануу тууралуу сезимдери ойгонгон. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө «алтын ооз кернейди арылдата тарттырып, алтын доолду кактырып», анын жолго чыгат.

Керней, сурнай, барабан тартылганда Орго хандын:

Үч жүз миң экен аскери,

Үргүлөп атка мингени,

Чоң уруштун кернейин

Кернейчи тартып ийгени,

Оргодон бөлөк жан калбай

Кара түгүл, кан калбай

Баары урушка киргени (СО, 2. 85), – дейт.

Мындай учурда жоокерлердин жапырт жоого киргенин көрөбүз.

Керней менен сурнай эки башка музыкалык аспап болсо да, алар бирине-бири удаалаш ойнолгону айтылат.

Сурнай тартылганда Манастын хандары баары астына тез жетип келишет.

Ал согуш музыкалык аспабы болгон жана жалпы элге согуштук дух жараткан.

Чоор – муңдуу күүлөрдү жакшы келтиргендиктен, армандуу адамдар, ээн жерде жалгыз-жарым мал кайтаргандар көп пайдаланган, жасоого жеңил музыкалык аспап. Трагедиялуукту кыргыздар дал ушул чоор аркылуу кабылдаган.

Комуз – кыргыздардын төгөрөгү төп келген, укмуштай билгичтик менен ойлонулган, кол  өнөрчү менен комузчунун байланышынан куралган, дүйнөнү таң калтыра алуучу классикалык музыкалык аспабы. Тил менен айта албаганды комуз менен айткан, комуз куш болуп сайраган, суу болуп чулдурап аккан, аял болуп кошок «кошкон» ж.б. адамдын кубанычын да, трагедиясын да так билдирген.

Бул аспап тууралуу б.з.ч. 2-кылымдагы кытай жылнаамаларынан, 6-кылымдагы кытай саякатчысы СюаньЦзянь мырзанын жазгандарынан, 8-кылымдагы ошол эле жактан келген саякатчы Вей-Хундун маалыматтарынан таба алабыз.

Анвар Байтур мындай деп жазган: «Байыркы ханзуча тарыхый материалдарга негизделгенде Эне-Сай кыргыздары түрк тайпалары жана орток түрк тили менен сүйлөшкөн элдердин ичинде көркөм өнөргө өтө бай бир эл болгон. Алардын «сыбызгы, заңгырама (зың), баңдулуу, доолбас, шыңгыроо деген музыкалары болгон» («Жаңы таң жылнаамасы», Кыргыздар шежиреси). Мындан башка алардын элдик музыкасы болгон, комуз алардын коомдук турмушунда өтө чоң маңызга ээ болгон. Бул музыканы эр-аял, кыз-жигит жана ар кандай жаштагы адамдардын бардыгы күүгө келтиришкен. Ошондуктан «комуз» адегенде «коом-ооз», «кооз-ооз» деп да аталган.

Андан ары шыңжандык кыргыз тарыхчысы мындай маалыматтарды келтирет: б.з.ч. I кылымдын 33-жылы Хань императору Хань Юальдий ордодогу кенезектердин бири болгон Ваң Хавчүн деген кызды уннулардын теңири кутуна (падышасында) жиберет, арадан жылдар өтүп ошол кыз кайра Халт империясынын борбору Чаң-Аит шаарына келгенде колунда бир аспап болот, анын атын сурашса ал «кобус» деп атаган (Йү Таң «Дасторкондо айткан апыртма сөз»). Ошону менен бирге эле А.Байтур түрктөрдүн кобусу, жапандардын «къото» деген аспабы Эне-Сай кыргыздарынын ички саптуу, сүйрүү баштуу, кайкы моюндуу, үч кылдуу, чарчы, сабына мончок таккан комузунун негизинде жасалганын жазат. Анан дагы жапониялык музыка изилдөөчү Айасы Кенту (Лин Чан Сан) Таң империясы учурунда кытай музыка аспаптары менен кошо комуз да Жапонияга барып калганын, 1905жылы германиялык фон Лекок Турпандын Йаргол деген жеринен төрт кылдуу комуз чертип отурган кыздын сүрөтүн тартканын, ал сүрөт азыр Германиянын көркөм өнөр көргөзмөсүндө сакталып турганын белгилейт[1]. «Манаста» мындай саптар кездешет:

Өрүктөн комуз чаптырган,

Үкөктөн капкак жаптырган,

Чарасын терең ойдурган,

Тепкесин кайкы койдурган,

Ичеги кылып тактырган,

Аркы-терки кактырган (СО, 2.390), –деп комуздун жасалышын да айтып өтөт.

Комузду эң жөнөкөй бычында, урунууга, көтөрүп жүрүүгө, коюнга салып коюуга, керегеге илип коюуга ылайыктуу кылып жасагандыгы – кыргыз комузчу усталарынын өтө билимдүүлүгүн, усулдуулугун далилдөөчү фактылардан. Аны жанындагы эле өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча, тыт,  кара жыгач, алча, алма сыяктуу өсүмдүктөрдөн боюнан суусу качып калгандарын таап, чаап ала берген. Чабуу үчүн керки, бычак, ийги, үшкү, түрпү, өгөө дегендей эң жөнөкөй устачылык куралдары жарай берген. Комуз болуучу жыгачты тандап, сууга кайнатып, сары суусун, чайырын чыгарып, анын ыштап коюшкан. Бычынын карап башын, тулкусун, чарасын, моюнун, капкагын, куткунун, тээгигин, кулактарын жасап, кыл даярдайт, кыл үчүн кара койдун, кысыркалды кыргыз коюнун, аркардын ичегисинен өтө жоон эмес, өтө ичке эмес, орто кыл алынат, же А.Акматалиевдин изилдөөсү боюнча «тикенек оттобогон кылчык жүндүү койду соёру менен муздак сууга салган ичегисин сыдыргы менен тазалап, аны оңго ийрип, анан керип кургаткан». Мына ушулардын баары элдик эмпирикалык билим жана элдик тажырыйба.

1928-жылы кыргыз жерине келген таланттуу, европалык деңгээлдеги улуу музыка изилдөөчү А.В.Затаевич Токтогулга күү черттирип, он сегиз күүсүн нотага да түшүрөт, анын «Тогуз кайрык», «Миң кыял», «Шыңгырама кыз ойготор», «Алайдын миң кыял», «Токтогулдун кербези» деген күүлөрүн жогору баалайт, өмүр таржымалына өзгөчө кызыгып, орусча суудай билген акын менен кеңири сукбатташат. Токонун «Кыз ойготор» күүсүн угуп, татаалдыгынан улам бир топ жерин нотага түшүрө албай калыптыр, бирок жибип кеткенби, аны фортепьяного отура калып ойноп жибериптир. Караңыз, чүкөдөй бир кыргыз чалы черткен күү ушунчалык татаал, ушунчалык уккулуктуу, ою терең болгону үчүн А.В.Затаевичти фортепьяного отургуза койгондугун. Мына ошондой комузду чыгарган, комузчуну тарбиялаган элди кантип билимдүү, илимдүү, эстетикалык табити жогору дебейбиз?!

[1] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б. Бийиктик, 2003. – 147-148-бб.

 

ЖЕР-СУУНУ БААЛОО БИЛИМДЕРИ

Ар кандай жерге, сууга сын берүү, баалоо – бул кандайдыр бир даражада географиялык, геологиялык, метеорологиялык, геодезиялык, биологиялык эмпирикалык билимдерди билүү менен байланышат.

Уламыш боюнча кайсыл бир доордо бир жагынан жоо алып, бир жагынан доо алып жана да Жаныбек хандын катаалдыгынан калк катуу тукулжурайт. Ошондо Асан Кайгы желмаян минип, малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп жер кезет. Обь, Иртыш суусун, Сыр-Дарыя боюн, Түркстан жерин, Шу (Чүй) аралыгын кыдырып Көл, Ат-Башы, Текес, Жылдыз, Кашкарга чейин жетет. Акылмандын жер кыдырышы аңыз-аңгеме болуп кара сөз түрүндө айтылса да, андагы айрым ыр түрмөктөрүнүн авторлугу Асан Кайгыга ыйгарылат.

Асан Кайгы Илеге токтоп:

Кулдур-кулдур кумдак чөл, Арасынан аккан сел.

Аягы деңиз дайра көл,

Иленин башы Үч-Арал,

Төгөрөгү чалкар бел, Тулпар минип, туу ашып, Чалкып жатса кайран эл.

Тоосу шибер, токой чер,

Күндөрдүн күн болгондо Айдап чыгар душман эл, –

деп анын келечеги жөнүндө тынчсызданат.

Сары-Аркага өтүп:

Бетеге белден буралып,

Туш-туштан тунук суу агып, Тулпар минип жигити Карчыга шумкар куш салып.

Энделей тартып, эр азып,

Тарчылык заман болгондо

Эли кетер сандалып, – деп кайгырат.

Анжианды аралап:

Жигити тилин албаган,

Карысы карап турбаган,

Эмгектүү жер экен, – дейт.

Кашкар, Алты шаар көңүлүнө көп ынабайт: Бетеге, шыбак чөбү жок, Төө жүрүүчү жер экен. Таяк алып колуна Жөө жүрүүчү жер экен. Ысык-Көлдү көргөндө:

Керме, керме, керме тоо, Оту, чөбү жок туруп, Малы семиз керме тоо.

Упа, эндиги жок туруп, Кызы сулуу керме тоо, –

деп көңүлү бир топ эргийт, «бул жерге көзү арткандар көп болор» деп өрүш албай өтүп кетет.

Чамасы ал Ысык-Көлгө көз тийбесин деген болуу керек.

Калыгул Бай уулу болсо Ысык-Көлгө мындай баа берет: Күңгөйдөн агат миң булак, Тескейден агат миң булак.

Аягынан агып чыкпайт бир булак

Тегереги туюк,

Төбөсү бийик,

Суу сайын нарын табак эти бар.

Ысык-Көл бейиштин бир эшигидир.

Кыш болуп кашкая суугу жок, Жай болуп каткалаң ысыгы жок.

Ат жеткен жерде

Мындан артык кызыгы жок.

Мактанып жер жетерби,

Адам мындан кетерби,

Ысык-Көлдөн чыкпагыла балдар!.. Мына ушундай жер-суунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтуу, сын берүү – сын берүүчүнүн билимдүүлүгүн, азыркы тил менен айтканда компетенттүүлүгүн талап кылган. Бакайдын атасы Байдын уулуна карата мындай деп айтканы бар:

Жеркен какыр жер экен,

Кашкарыңа карасак, Суусу булак, жери таш, Баары душман, эли кас.

Мал багуучу жери аз,

Балам, Бакай, ойлонуп,

Башыңды алып мындан кач

(Манас, 1-китеп, СО, 1978, 174)

Жамгырчы элге Наманген, Ошко баргыла, малга жайлуу, эгин эгип жан сактагыла дейт (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 471-б.).

Жакып өз жери тууралуу, өзүнүн кантип байыганы жөнүндө аны издеп келген тууганы Байга мындай дейт: «Ат түтөгүп жыгылат, аркан бою желгенде», «аркары кумдай куюлуп, аркары киши тааныбайт», «бугусу кумдай куюлуп, бугусу киши тааныбайт» (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 174). Мына ошол жерде малы көбөйгөндөн көбөйүп, жерге-сууга батпай калат.

Кыргыздар Бээжинге чабуул койгондо Улуу кытай коргону тууралуу мындай деп айткан жери бар:

Бээжиндин салган коргону,

Көпчүлүк көптөп койгону, Күл багы бийик тоо болгон, Көз учкан көпкөп зоо болгон. Кытайдын журту бекинген,

Кыргыздан коркуп шекинген

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 347).

Азыр да турган жана туристтерди аябай кызыктырган Жер жүзүндөгү сегиз кереметтин бири катары эсептелген бул сепилдин жалпы узундугу орто эсеп менен 6350 чакырым, бийиктиги орточо 6,6 метр, айрым жерлери 10 метр, туурасы түп жагынан 6,5 метр, үстү 5,5 метр. Анын курулушу б.з.ч. 3-кылымдагы Цин династиясынын императору Цин Ши-Хуандин  «Согушчул мамлекеттер доорунда» (б.з.ч. 475-221-жылдар) көчмөндөрдүн согуш аракетин токтотуу үчүн башталып, 2100 жыл бою улам толукталып отурган. Ал эми анын азыркы туруш-турпаты Мин династиясынын (1368-1644-жылдар) доорунда тикеленген деп айтылат.

Жогорудагы саптарда Сагымбай Орозбаков мына ошол сепил (кытайлык кыргыздар айткандай, коргон) тууралуу айтып жатат. Сабатсыз манасчынын ал керемет курулуш тууралуу маалыматка ээ экендиги да таң калтырбай койбойт.

Сейтек алгачкы жолу атасы Семетейдин жерине – Таласка бара жатканда апасы Айчүрөк уулуна Талас тууралуу мындай маалымат берет:

Будурдан бугу бакырат,

Күңгөйдөн күкүк чакырат,

Булагы оргуп ташыган, Булбул сайрап таңшыган, Ошо Талас жерибиз.

Күрүчүн күздө айдаган,

Күкүгү талда сайраган,

Куланы түздө топтогон,

Адырдан аркар оттогон,

Айтылуу Талас жерибиз

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 143-б.).

Жер-сууга сын берүү жана баалоо ар кимдин эле колунан келе берген эмес, аны үчүн дүйнөнүн көп жерин көрүү керек, салыштыра билүү жана бир жыйынтыкка келе билүү керек.

ТИЛДИК БИЛИМДЕР ЖАНА ПОЛИГЛОТТУК

«Манас» эпосунун сюжетине караганда, каармандардын иш-аракеттерин, сүйлөгөн сөздөрүн анализдегенде алар тилдик билимдерди жана көп тил билүүнү (полиглоттуктукту) эки жол менен алган, биринчиси, атайын окуу мекемелеринде окуп билим алган, экинчиси башка устаттардан оозеки үйрөнгөн. Мисалы, Жамгырчы менен Балта дөө «Ыстырлап» деген китебин окуп, ал китепте Манас деген баатыр чыгары, ал келечекте калмак, каңгай, калдай, кытайды аларын билишет. Манас өзү да беш жыл окугандыгы айтылган тексттер бар. Ал:

Катчыга катын жаздырып,

Атайын ойгон мөөрү бар,

Аягына бастырып

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 463-464-бб.), – деген жери бар.

Тилдик билимдердин негизги көрүнүшү чечендик өнөр жана билим менен байланышат. Чечендик табиятынан берилген көрөңгөнү андан ары өнүктүрүү менен гана бышырылат.

«Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө Куту деген чечен жөнүндө айтылат. Ал – чечен. Чечендиктин ченөлчөмү мындай берилет: кеби – ускалуу, сөзү – бал, «кара тилин кайрады», «анык айткан туура сөз айза менен сайгандай», «жүгүрмө чечен», «жазы жаак, жалпак тил», «жатык кыял, туура сөз».

Эпостун сюжети боюнча Айчүрөктүн боюнда Семетейден үч айлык бала калат. Мына ошону сакташ керек эле. Сакташ үчүн Умай эне Зуура Чүрөктүн ичин оңдоп он бир айда төрөй турган кылып коёт. Кыяз шектенип, жини келип карарып, Айчүрөк жаңы эле төрөгөн кезде ал баланы өлтүрмөк болот. Мына ошол кезде Куту чечен чечендикке салып Кыязга мындай насаатын айтат:

«Балам Кыяз,баркың бар,

Кутман айткан бул сөздү, Угуп көкжал билип ал, Уулум Кыяз, тилимди ал!

Канды кудай урарда,

Катыны менен кабышат, Калкы менен чабышат.

Айза кармай боолашат,

Жакыны менен жат болуп, Өз эли менен жоолашат.

Канды балаа басарда,

Жумшаган кулуң кежектейт, Үйүндө ашын эсептейт.

Кан башынан бак кетет,

Астынан алтын так кетет

Ала аскардай бел кетет,

Карга, таандай чуркурап, Андан кийин эл кетет.

Жакшынын башы соо болот,

Канды кудай урарда, Калкы турмак, койнунда Катыны менен жоо болот.

Баатыр Кыяз сен элең.

Журт чечени мен элем. Бөлүптүрсүң санааңды.

Бөлөктүн уулу депсиң го, Бөйрөктөн чыккан балаңды.

Алганың он бир ай болуп,

Бакты, дөөлөт конуптур, Эркек төрөп зайыбың, Жылдызың оңдон болуптур.

Перизаада бейбактын Бек агарар оюн кыл, Бул баланын тоюн кыл! Тоюна токсон кара сой:

«Менин уулум болду деп,

Баланын атын өзүң кой!»

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 55-б.). Чечендин акылмандыгын, сөзүнүн ырааттуулугун, таасирдүүлүгүн, омоктуулугун караңыз, Кыяздын психологиясындагы мактанчаактык, көпкөлөңдүк сапаттарына басым жасап, адегенде аны «балам» деп, «көкжал» деп, «кан» деп, «баатыр» деп кайрылып, катын менен кабышпоого, калкы менен чабышпоого чакырат, бийлик башында турган адам кандай болушу керектиги тууралуу санаттайт. Анан Кыязды жибитип, өзүнө каратып алат да, «бөйрөктөн чыккан баланы бөлөктүкү» депсиң деп бир айтып өтүп, сага бакты, дөөлөт конуптур, жылдызың оң болуптур, эркек уулдуу болуптурсуң деп келет да, бул балаңдын атын өзүң кой, тоюн өзүң бер дейт. Балага ат коюу жана ага арнап той берүү – атанын милдети, бул Кыяздын аталыгын ушундай татаал кырдаалда, келечек үчүн моюнга алдыруу.

Куту чечендин ушул жүйөлүү сөзү өмүрү кыл учунда турган бөбөк Сейтекти аман алып калуунун амалы болот.

Эпосто:

Тилмеч Көкчө эр эле,

Күн чыгыш жаккы элдерде,

Мунун билбеген тили жок эле

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 392-б.), –деп Көкчөнүн тилмечтиги жогору бааланып («эр эле»), анын азыркы термин менен айтканда востоковед экендиги даңазаланып атат.

Тилдик билимдер жана көп тил билген адамдар болбосо ал уруу-урук, же эл башка тайпалар жана элдер менен мамиле түзө албайт. Кыргыздар Алтайда жашаганда да, Ала-Тоого келгенде да Евроазиянын кеңири алкагындагы элдер жана мамлекеттер менен дипломатиялык байланыш түзүп турганын көрөбүз:

Алтайдагы Акбалта,

Самарканда Жамгырчы,

Ат-Башыда дөө Кошой,

Кабарлашып турушкан (Манас: ЖМ,

Үрүмчү, 2014. – 430-б.), – деп айтылат.

Каныкей Аколпок тондун материалын желмаян мингизип киши жиберип, Бомбей деген шаардан Бакбурчун дегенден була алдыргандыгы тууралуу баяндалган жер кездешет (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 143-б.). Ал эми ошол алыс жакка баруу үчүн ал элдин тилин билүү керек.

Теги кытай Алмамбеттин уулу болсо да кыргыз жеринде туулуп, кыргыздар арасында тарбияланган Гүлчоронун кырк эки уруунун тили, тилине кошо катын билерлиги, каттын башын көрсө аягын жат айтары Жусуп Мамайдын вариантындагы «Семетей» бөлүмүндө айтылат. Мына ошол Гүлчоро Бакайдын суранычы боюнча калмактын катын да окуйт:

Атайын жазган кагазы, Алты катар кат экен.

Агеркечке «А» койгон, Бакай деген сөзүнө, Баш жагына «б» койгон.

Семетейге «сын» койгон, Гүлчорого «кеп» койгон, Канчорого «кап» койгон. Этегине тизмектеп,

Он алты жерге арп койгон.

Эстей түшүп Гүлчоро, Эп келтирип окуса, Эки жүз элүү кат болгон.

Андай жазган каттар көп,

Окушка Гүлүс маш болгон

(Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 7). Тилмечтик согуш ишинде өзгөчө керектүү кесип болгон. Бир жолку өксүк окуя тууралуу мындай айтылат:

Кол эсебин алганы

Бердике тилмеч берен жок (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 141).

Бердике Жакып кандын айылдашы, ар дайым Акбалта экөө эл чогулган жерде орундуу сөзүн айтып, чечендигин көрсөтүп турат.

Чоролордун бири Аргын кан уулу Ажыбай: Кара тилин кайраган Кан алдында сайраган.

Жазы жаак, жалпак тил, Жетик чечен Ажыбай (СК, 4, 190) жетимиш уруунун тилин билет.

Сагынбай Орозбаковдун вариантында:

Айтар сөздөн, акылдан

Алдырбайсың адамга

Жаның тирүү турганда

Жаактуудан адам жанашпас,

Таалайыңды адам талашпас, –деген улуу сый сөзгө жана урматка татыйт.

Манас анын Абдылда атын улуулатып, Ажы бий атап, андан Ажыбай болуп кетет. Алмамбет келе жатканда аны тосуп чыгып, аттан алуу жана айкөлдүн алдына алып келүү, Арабстандагы сабаа Айкожого (Абунасир Самани) барып жолугушуу дал ушул көп тил билген адамга жүктөлөт.

Бул Манастын жана манасчылардын көп тил билген адамдарды, алардын билимдүүлүгүн жогору баалоосу, кийинки муунга ушундай көп тил билген адам болгону деп насаттоосу.

ТАРЫХЫЙ БИЛИМДЕР

«Манас» эпосу тарых эмес, анын сюжетиндеги окуяларды, каармандарды тарыхтан издеп, бул же тигил тарыхый окуянын, тарыхый инсандын чагылдырылышы дегенибиз менен ал тарыхый чыгарма деп аталууга негиз берүүчү так даталардан, цифралардан жана чыныгы тарыхый личносттордон, документалдык, архивдик маалыматтардан турбайт. Ошол эле кезде эчен кылым «Манасты» айтып келген адамдар тарыхый билимге ээ экендигин даана көрсөтүп турат. Кыргыз тарыхы кытай жылнаамаларында, Орхон-Эне-Сай, Талас таш эстеликтеринде ж.б. тарыхый баяндарда аздыр-көптүр жазылып калган. Мына ошол тарыхый билимдер эпостун сюжетине кадимкидей сиңдирилген. Бул абдан чоң изилдөөнү талап кылат. Биз болсо айрым бир учурларга гана токтолсок.

Жусуп Мамайдын вариантында Манастын жаш чагында атасы Жакып кырк төөгө буудай-дан, жети төөгө алтын-зер, үчөөнө курут-май артып, үч төөгө бирден жигит коюп, Жуңканда жаткан Чыңгыш ханга барат. Батыш жакка тынымсыз жортуул жасап аткан Чыңгыш хан Жакып байды кабыл алат, үч күн өргүтөт. Жакыпка хандык даража ыйгарат, көчүп-конуп жүрөсүң деп нарларын кайтып өзүнө берет, ылгап жоргосунан берет, «кабаттап тогуз тон койду, коштоого тогуз ат койду». Жакып ошол жерден жаңы бышты жазгы асый кула тайды баласы Манаска деп сурап алат. Кийин Манас баатыр минген Аккула «түбү Чыңгыш малы эле» (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 355-б.).

Мына ушул Чыңгыш хан тарыхый инсан монгол империясын негиздеген кадимки Чыңгыз ханбы? Чыңгыз хан (Темучин) Улуу Монгол мамлекетинин негиздөөчүсү. 1155-1227-жылдарда жашаган. 1206-жылы 46 уруу эл катышкан бүткүл көчмөндөрдүн курултайында  аны Найман тоонун Дегелең өрөөнүндө аргын, найман, жалайыр ж.б. уруулар ак кийизге салып (бизде да ушундай салт бар эмеспи) хан көтөргөн. Эне-Сай кыргыздары 1207-жылы Чынгыз ханга баалуу белектерди берип, карамагына өткөн, «Моңголдордун купия тарыхы» деген эмгек боюнча ошол жылы Чыңгыз хандын тун уулу Жоочу (1184 – 1227-жылдарда жашаган) «токой элдерин» (ойрот, бурят, бархун, урсут, хабжанас, ханкас, тубас) багындырат. Ал эми  кыргыздардын төбөлдөрү Еди инал, Алдияр, Өлөбек дегендер Жоочуга келип ак шумкар, ак боз ат, ак кундуз тартуу кылат, ошондо ыраазы болгон ал кыргыздарды атасына алып барат. Анан алар элчи алмашат, Чыңгыздан Алтан, Бура деген экөө кыргыздарга келсе, кыргыз иналдарынан Элик Темир, Аткарак деген элчилер аларга барат, демек, дипломатиялык мамиле орнойт. 1218-жылы кайра эле көтөрүлүшкө чыгышканда Чыңгыз хан баласы Жоочуну жиберип, кыргыздарда талкалаган. Ошол кезде Алтай-Сибирь чөлкөмүндө: олкон, боржигин-кыят, коңурат, кыргыз, уйгур, ойрот, меркит, найман, таңгыт, татар, экерес, курулас, дөрбөң, катаган,  селжут,  корутумат,  кыпчак,  сарт (сартайыл),  тайшит,  керээт, жалайыр,  кара  кытай,  журжең,  кытай деген уруулар Чыңгыз хандын карамагына өткөн.  1218-жылы кыргыз уруулары үчкө бөлүнүп,  бири Саян (Саяк) тоонун  түндүгүнө  кетсе,  бири Абакан өзөнүнө түшкөн, көбү Теңир Тоого (Жети-Суу, Ысык-Көл) ооп кеткен.

Жогоруда Жакып байдын белек-бечкек менен Чыңгыш ханга баруусу алардын бири менен биринен достук алакаларды түзүүсү тарыхый фактылар менен бир топ дал келет, бул болсо манасчынын тарыхый билимдерге ээ болгондугун тастыктайт.

Тывалык аалым Будуп Болат-Оол «Манас» эпосунун калыптануу доору азыркы Тыванын аймагындагы байыркы кыргыс дөөлөтүнүн убагына туш келерин, анда бул мамлекет 843-жылдан тартып, 360 жыл бою Саян-Алтай тоолорунун этегинде бийлик жүргүзгөндүгү, бул тууралуу «Истории Тувы» деген тарыхтын академиялык басылышында бир чоң глава бар экендигин кабарлайт[1].

Бул окумуштуунун айтуусу боюнча кыргыздар менен тывалыктарга орток Нарын, Каракол, Чыланныг, КызылХал, Ак-Тал ж.б. көптөгөн топонимдер жана антропонимдер бар экендигин жазат.

Акын Ш.Дүйшеев Орусия Федерациясынын Алтай Эл республикасында болгон сапарында ал жакта Манас тоо, Кан Жакыптын жайлоосу, Каракол, Кара-Кужур, Кызарт, Күркүрөө, Токмок, Шаар Ош, Аркыт, Ат-Башы, Боом, Балыкчы, Сары-Өзөн Чүй, Чүй деген жерлер бар экендигин кабарлап, «ата-бабаларынын сөөгү жаткан ыйык жердин кымбат аттарын тумардай аздектеп, бооруна басып, көкүрөгүнө катып жүрүп ала келип, анан ал аттарды Ала-Тоо конушуна алтындай чачып ийип көксөөсүн басса керек, атаганат, деп ойлойсуң», – дейт[2].

Мына ушундай тарыхый маалыматтарды, жер-суу аттарын манасчылар жакшы билген жана ал билимдерин эпостун курамына терең аралатып киргизген.

[1] Болот о. Б. Кыргысы Тувы от эпохи становления “Манаса” / Эпос “Манас” и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.: «Кыргызстан», 1995. – 60 с.

[2] Дүйшеев Ш. Шакен азган. – Б.: “Учкун”, 2004. – 326-б.

 

САЯПКЕРЛИК ЖАНА МҮНҮШКӨРЛҮК БИЛИМДЕР

Ат таптоо – саяпкерлик жана атка баа берүү – сынчылык көптөгөн эмприкалык билимдердин синтезин талап кылган, ал адам зоологияны да, метеорологияны да, спорттук машыгуу ыкмаларын да, элдик медицинаны да билиши керек болгон. Ат чабыштын ар кандай түрлөрү: жорго салыш, кунан чабыш, аламан байге ж.б., кыз куумай, көк бөрү, оодарыш, тыйын эңмей, найза сайыш, жамбы атыш ж.б. ат оюндарына чоң мөөрөйлөр коюлган, уруу менен уруу, эл менен эл мелдешип, намыс талашкан, андыктан ат сырын билген сынчылыр менен ат таптаган саяпкерлер жылкы баласын тандашкан, тапка келтирген. «Таяк тайга жеткирет, таба атка жеткирет, ат муратка жеткирет», «Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт», «Аты жоктун буту жок», «Байге аты каралаш», «Ат жакшысы – кермеде» дешкен. Манастын Аккуласы, Төштүктүн Чалкуйругу, Алмамбеттин Сараласы, Бакайдын Көктулпары, Чубактын Көкаласы, Сыргактын Көкчебичи, Ажыбайдын Карткүрөңү, Коңурбайдын Алкарасы, Кошойдун Тайторусу, Күлчоронун Суркоёну, Көкчөнүн Көкаласы, Көкөтайдын Мааникери, Жолойдун Ачбууданы, Көкүлдүн Керкулуну, Курманбектин Телторусу, Семетейдин Тайторусу эгер алардын артында саяпкер-сынчылар болбосо анчалык даңктуу болмок эмес. Дал ошол билимдүү адамдар аркылуу балдар мындай түшүнүктөрдү таанып-билип, өздөштүргөн:

Аттын кылдары: жал, көкүл, куйрук

Жылкы түстөрү: акбоз, ала, ала аяк, алагер, айсарала, боз, күрөң-боз, буурул, жээрде, жээрде кашка, желкара, чаар, чабдар, кара, карагер, кашка, кер, кызыл, көк, көк буурул, кула, күрөң, муз-кар, сары, сур, суркийик, тоокар, тору, тору кашка.

Басыгына карата бөлүнүшү: жол жүрүш, жорго жүрүш, жатак, чорток, жүрүмөл, жүйрүк, таскак, дулдул, кашаң, текирең таскак ж.б.

Жүрүш өзгөчөлүктөрүнө карата бөлүнүшү: чалып басуу, мүдүрүлүп басуу, теңселип басуу, ыргалып басуу, коркок басуу, соку жанчып басуу.

Ат коюлган жылкылар: аңчылык аты, айгыр, бээ, буудан, чобур, аскер аты, бычмал, кошок (жандоочу) ат, күлүк ат, жалакай, чарс, качкы, кырчаңгы, кысыр бээ, колу түшкөн тарпаң ат, кулан, субай бээ, таман ат, тарпаң, тиштээк, туу бээ, какбаш ж.б.

Жашына жараша бөлүнгөн жылкылар: кулун, тай, жабыгы, байтал, кунан, кунан-байтал, бышты, бээ, айгыр, бир асый, эки асый, үч асый, төрт асый, беш асый, он асый, сары карын.

Жылкыга тиешелүү буюм-тайымдар жана ат жабдыктар: ат араба, басмайыл, бүлдүргө, желдик, желе, жем баштык, жорго така, жука така, жулар (чылбыр), жүгөн, чидер,  дикак, ээр, камчы, канжыга, кайыш, кыл аркан, булдурсун, көмөлдүрүк, көнөк, көрпөчө, көпчүк, куржун, куюшкан, нокто, ооздук, саба, сагылдырык  (аттын башына тагылгандар түшпөөсү үчүн кошумча катары аттын тамак тушуна кайыштан жасалып тагылат), суулук, така, текөөр, тердик, тиштүү така, тизгин, тушамыш, түркүк (мамы), укурук, үзөңгү ж.б.

Ат сырын билген саяпкерлер ат чабышка атайын барып күлүктөр чубатуудан өткөнгө чейин көрүнөө да, көмүскө да туруп алып ар бир атты сындан өткөргөн. Аттын кайсыл жеринде айыбы бар экенин сынчы-саяпкерлер билип коюшат. Байгеге чабылардан алдын эгер эт ала баштаганы байкаса ичин тартуу үчүн суутат, ченемине жараша таңашырат, сууну, жемди тандап, талдап туруп берет, уйкусу кандай болушу керектигин, туягын, жал-көкүлүн бүт карайт. Табына келтире албаса мелдешке катыштырбайт. Аттын тукумун изилдейт. Күлүктөр кандай жерден коё берилип, кандай жерлерден, кандай бурумдардан өтөт, бийик жерде чабылабы, пас жерде чабылабы, өйдө карап кетишеби, ылдый карап кетишеби – ошолордун баары үйрөнүлөт. Мунун баарын өздөштүрүү – өзүнчө эле эмпирикалык илим жана атадан балага өткөн тажрыйба.

Алар аттын кийин кандай болорун кулун кезинде эле билген, алдын ала келечигин айткан; аттын өзүн көрбөй туруп, баскан басыгынан сын берген; ар бир аттын канчалык жерге чейин чуркай аларын билген; күлүк атты он сегиз түргө чейин ажыратышкан; байгеге кошкондо чабардеси ким болушу керектигин тандаган; терин, майын калтырбайт, бирок сынын, сөөгүн жоготпойт; суутат; организми талап кылган жемди, суусундукту кандай берүүнү (боз от, бетеге, беде, атала, жарма, бээнин сүтү, жүгөрү, арпа, сулу, таруу, буудай, көктөмгө агытуу, карга агытуу, булактын суусун ичирүү, шор суу берүү, мөңгү суу берүү, карандыз берүү, күкүрт берүү ж.б.); аттын кабыргаларын, жалын, куйругун, терисин, буттарын, сийдигин, заңын, кылдарын, азынаганын, кишенегенин, оттогонун, суу ичкенин ж.б. нерселерин карап туруп сын берүү, табын келтирүү ж.б.

Б.Солтоноев өзү изилдеген күлүк аттардын бир тобунун бизге жеткирет:

  • Казак Эр Эшимдин Шарпкуласы (1626-жылдарда);
  • Сарбагыш кыргызы Темирдин 1730-40-жылдар чамасында калмактан ала качкан күлүк аты;
  • Бугудан папа насилинен 1760-70-жылында болгон

Садык баатырдын кырк мачкери;

  • Солто Шапактын Көкчологу (1780-90-жылдар);
  • Атакенин Керкулун (бир кабарда Ноктолуу тору);
  • Солтодон Бекинин Каражазыл (1830-40-жылдар);
  • Сарбагыштан Төрөгелдинин Аккызыл (1935-50-жылдар);
  • Бугуда Балбайдын Сурайгыр.

Кийинки заманда 1885-жылында Эсенкул элинен Шадыкан Токтомат уулу деген киши күзүндө Мияр Кызыл жоргосун минип, эртең менен Токмоктон чыгып, Боом менен жүрүп, Кубакылап, Кочкор басып, Жоон-Артыктап, Долонду ашып, Нарынды басып, Шаркыратма ашып, күн батарда Ат-Башынын калаасына барган. Бул жүрүш жогорудагы айтылгандардын жүрүшүнө караганда оюнчук болуп, алар азында 350-400 чакырым жолду күнүн баскан. Ат аткан октой деп атак берген. Бир ат үчүн кыздан, катындан кечкен, бир ат үчүн эки эл бузулуп, кан төгүлгөн. Атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйгө кийирип кишен салып баккан. Жолоочу жүрүп бара жатып ат үстүндө тамак ичкен, уктаган[1].

Шергазы деген саяпкер Кер кашка ат деген күлүктү таптаган, аны бир топ карып калганда Байтиктин ашында чапмак болот. Казактардан көп ат келет. Шергазы өзү жактан бир кишини калп эле дудук кылып казактар жакка жиберет. Казак саяпкери: «Чиркинай, Кер кашканын саяпкери укмуштай неме экен, туягын саал кырып койсо бул жолу да чыгат», – деген экен.

Аны «дудук» айтып келет, Шергазы ошондой кылат да байгеде утуп чыгат.

Көл өрөөнүнөн чыккан Жумадыл саяпкер таптаган Карагер атты 1958-жылы Москва шаарында өткөн Бүткүл союздук аламан байгеге чапмак болушат. Эртең жарыш башталат деген түнү бир наамарт аттын бутун майып кылып коюптур, ага карабай саяпкер күлүктүн бутун зым менен байлап, Кайыпбек деген уулуна мингизип, баары бир биринчи чыгып келиптир. Жумадыл зындандык айтылуу Баячор (ылакап аты Очеке) баатырдын тукуму болгон, ал киши да ат таптап, 1916-жылы оруска каршы согушкан. Кадыр акенин батасын алган Жумадыл саяпкердин Карагер, Суркоён, Көкмөкөк, Тигр, Норт, Сымычок ж.б. күлүктөрү совет учурунда далай жолу жеңишке жеткен. Ал киши «Жылкы адамга окшош. Тубаса мүмкүнчүлүгү өзү менен кошо туулат, күлүктүн күлүк экенин бир жашка чейин билип тандап, анан күлүктүн мүмкүнчүлүгүн ачыш үчүн саяпкер адамды тарбиялагандай эле талбай эмгек кылыш керек», – дечү экен.   «Атабыз күлүктү кулун кезинен таанычу, кулунга өзгөчө мамиле жасап чоңойтуп, кунан кезинен баштап жарышка таптар эле. Чоң ат болгуча балдарына мингизип, анан суутса, кийин атты суутуну өзү гана аткаруучу. Атабыз 60 жашында да атка жаш баладай минип, айлыбыздын үстүндөгү кыя жол менен тоонун башын көздөй чаап бара жатканда, биздин көзүбүзгө тоо боорлоп учуп бараткан куштай көрүнөөр эле, бир нече убакыттан кийин келгенде, аттын тери капталдарынан салаа-салаа болуп куюлчу, бир аз убакыт атты ары-бери жетелеп, анан даярдап койгон чүпүрөктөрү менен тез-тез терин аарчып кургатып, анан атты аса байлап коёр эле, күлүккө жем-чөп берүүнү өзүнүн гана милдети деп эсептөөчү», – деп айтышат анын балдары.

Мына ошондой заманда саяпкерлер, сынчылар өзгөчө бааланган. Азыр да ошол салттуулукту сактап аттарын байгеге кошуп жүргөн адамдар аз да болсо кездешет.

Манас минген Аккула Жусуп Мамайдын варианты боюнча түбү Чыңгыш хандын малы эле. Чыңгыш хандын Жакыпка айтып бергенине караганда ал жөн мал эмес. Ошол Чыңгыш хандын өз короосунда куу чаар бээси боло турган, ал үч жыл кысыр калып, үчүнчү жылы Алтайдын Айдың-Көлүнө качып кетчү экен. Кардына бала бүткөндө кайра келип калчу экен, эки асыйында бир тууп, ал кара тай аябай сулуу болуп, аны Алооке сурап алат, кийин бир тууганын Кедеңдин уулу Жолой сурап алат, үчүнчү туушун Манаска деп Жакып сурап алат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 355-б.).

Мында бир бээнин айгырлары да бирөө болушу мүмкүн, ошол жылкынын үч кулуну болочокто бири-бири менен аёосуз жоого айланган карама-каршы тараптарга берилип жатат. Жаңы бышты жазга асый кула тайдан кийин атактуу Аккула чыгарын Жакып да, Чыңгыш да билип турушкан. Ал тайды эң алгач көргөндө бала Манас да ага мындай сын берет:

Жарашыгы бир далай,

Үч ай минсең чалдырбай,

Минерге чыдайт тору тай,

Шек берип сырын алдырбай

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 361-б.). Ошондогу ошол тайдын көрүнүшү:

Кулакта күйгөн шамы бар,

Маңдайында багы бар,

Соорусуна карасаң,

Салаа-салаа калы бар, Бабай Өмүр сылаган, Ошол калды билип ал. Тутам болуп кадоодой, Азуусу чыкты жаныбар.

Курсагын жыйып тартылган,

Кулагы жалдан артылган,

Он беш күн болгон байланган,

Аркардай көзү жайнаган, Мындай сулуу чыкпайт го, Төрт аяктуу айбандан.

Жал, куйругу түпөктөй,

Тумшугуна караса,

Сымга тарткан күбөктөй,

Бүткөн бою жарашык,

Күмбөзгө тарткан сүрөттөй

(Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 365-б.). Мына ушул байланганына он беш күн болгон кезинде эле сур тай керилип, суналып болочокто баатырга жарашар мал экендиги билинет.

Кыяздын Тоотору деген атын:

Бейдаарат жан минбеген,

Чылбырдан зайып албаган

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 104-б.).   Ошол ат адамча сүйлөйт. Анын табылышы да кызык, өзүнчө кайыптан жаралган. Жаралган жери да Медиянын көлү, Ит-Кыянын бели, Ит-Баспастын чөлү, Жан-Жүрөстүн жээги. Ал жерде какылдаган карга, кукулдаган кузгун жок. Айбан чайнар чөбү, адам жутар суусу жок. Быштысында табылган бул жылкы баласын караңгы жайга бактырат, башына тумар тактырат, кан ичме кемпир, жез тумшук сынап берет. Тоотору атты күрүчтөн күрмөк жем менен багат.

Сейтек атасынын Тайбуурул атын көргөндө «Атадан калган малым, малым эмес, бу Буурул көөдөндө ысык жаным», – деп «көкүрөгүн кур жыттайт, көкүлүн кармап, шуу жыттайт, кучактап алып Бууданды куркураты бек жыттайт». Ошол атты көрүп Айчүрөк Семетейдин эң жакын адамын көргөндөй ак бетин жулуп-жулуп, кан агызат, ал гана эмес аттын сапаттарын дагы бир жолу айтат:

Чалгынга минсе, чарчабас,

Оорукка минсе, оорукпас,

Алты айга минсе, арыбас,

Алтымыш асый болгуча,

Азуу сайып, карыбас,

Кармашка кирсе камыкпас

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 138-б.).

Жылкыны аябай жакшы билген саяпкерлер, сынчылар манасчылар тарабынан жогору бааланат, ал гана эмес согушта болсун, тынч күндөрдө болсун ар бир кыргыз баласы минген атынын сырларын, жүрүш-турушун, кандай азыктарды жакшы көрүсүн билиши шарт болгон.

Кыргыздардын эң оор каргышы да «Ак жылкынын чаңы урсун! Ак буудайдын даны урсун!» (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 175-б.) делип жылкы баласы менен байланыштырылган.

Манастын Аккула аты:

Кумдуу жерге оонаткан,

Кудуктуу жерден сугарган

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 41)

Эпосто мал сыны катары Ажы бийдин Көрөңү өзгөчө сүрөттөлүп берилет (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 176).

Ал эми куш кармаган саятчылар, куш таптаган мүнүшкөрлөр да өзгөчө билимге ээ болгон. Алар алгыр куштарды таап, таптап, үндөккө келтирип, илбээсин жана ар кандай жан-жаныбарларды алдырууга жетишкен. Мүнүшкөрлөр уядан бүркүттүн баласын алып, таптап, колго көнүктүрөт. Аны үчүн аны ээсинин чакырыгына жана үндөөсүнө келгенге үйрөтөт, ага ар бир келген сайын бир кесимден эт берип турат. Кийин түлкүнүн куйругун (чыргаа) байлап алып сүйрөйт, бүркүт аны баса калып үйрөнөт. Томого кийгенге көнүгөт. Атчан бастырган мүнүшкөрдүн колуна конгонго, колун серпкенде ала турган жемине көтөрүлгөнгө, барып басып жыгылганга, ээси келгенге чейин басып турганга, кайра ээсинин колуна конгонго ж.б. кыймыларакеттерди жасаганга мүнүшкөр жеткирет. Аны үчүн ага тажрыйба жана ыктарды билүү керек.

Б.Солтонов бүркүттү тапка келтирүү технологиялары тууралуу элдик эмпирикалык билимдер жөнүндө мындай жазат: «Табы: Бүркүттү эт менен он күндө семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип, коё берип, балтыр эти балкылдаганда он беш күндө салууга болот. Ысык жерге койбостон салкында асырайт. Чыргаа менен үндөккө келтирет. Абдан арыктатып, жилигин үзүүгө жакындатып, кайтадан жакшы семирткенде таза түлөйт. Кыраан эмес, байлооч жаман бүркүт болсо да, түн ичинде жанына карышкыр жолобостон качат. Эч убакта бүркүттү томогосуз койбойт. Илбээсин аңды 8-9 чакырым жерден көрүп, бүркүт кагынат, бутуна дулай чыгат. Маңка болот. Айыкканы аз болот. Сезгенген дартка бүркүттүн өтүн ичет. Бүркүт каман, кулжа, аркар, эчки-теке, элик, жээрен, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү алат.

Кыргыздын билген атактуу бүркүттөрү: 1. Индостандын көк аяк. 2. Оролмо тоонун ак ийин (кулун менен тай алат). 3. Иленин чөлү ( карышкыр, кийик алат). 4. Алайдын ак көзү (не түрлүү кыраан чыгат). 5. Аркалыктын бүркүтү. Бүркүттүн саны 65ке айрылып, анын ичинде кыраандары 19 урукка бөлүнөт: 1). Буудайык – көрбөдүк. 2) Алп кара куш. 3). Муз мурут, көргөн бүркүттө баш кыраан. 4) Кара жүндүү кабырык. 5) Чөл. 6). Чөгөөл. 7). Карала. 8) Капкара. 9) Кара көө. 10) Куу кашка. 11) Коңур чегир. 12) Шашкалаң сары. 13) Үч ала. 14) Иби кыз. 15) Куу чегир. 16) Бай кашка. 17. Бай коңур. 18) Баатыр кашка. 19) Чокунун карасы.

Түлөк бүркүттү 40-45 күндө салууга болот. Таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш этти сууга салып, кирин кетирип, жумшартып берет (муну ак жем дейт). Жылкы, кой, коён, кекилик – бул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Бүркүт ооруп калса жылкынын жаш этин берет. Бүркүт семизирээк болсо көп оорубайт жана алуу дагы жакшы болот. Чакмак уруш ошолордо болот. Уй эти жакса да көңүлүн карартат. Бүткүл кыргыздагы бүркүт тууралуу икаяны жазып отурса, нечен китеп болот. Бүркүт тууралуу сүйлөгөндө ушул даражада көрсөтүп, анын эрдигине толук маалымат берет. Ошолордун мисалга төмөндө бир нечесин көрсөтөмүн: 1) Кокондуктун заманында бугу кыргызы Шапак уругунан

Томонун «Сары эжи» деген кыраан бүркүтү болгон. 2) Тынай кыргызынан Жумаш уулу уругунан Кулукенин атасы Он-Бир жылганын оюнан бүркүтү талпынганда коё берсе, Кегетинин коосуна келип конуп калган. Чугоюп келсе Кегетинин коосунун ичинде эки күчүгү менен жолборс жатыптыр. Жардын кашатында отурган бүркүтүн чырга тартып кондуруп, ала кайта жөнөгөн. 3) Кокон заманында Текесте бир жапайы бүркүт бир серпүү менен бээни жарып өлтүргөн. 4) 1840-жыл чамасында саяк кыргыздарынан Курманкожо уругунан Чычай деген бүркүтчү үйрү тобу менен карышкыр, эчки-теке алган. Кара чолок деген бүркүтү болгон. Бир буту жыгачта калып, бир буту карышкыр, теке куланга кеткен бүркүт көп болгон. 5) 1867-жылында сарбагышта Жантай уругунан Дуулат Смайыл уулунун бүркүтү доңуз алып жүрүп, бир кезде каманга салса чалып өлтүргөн. 6) Калмак заманында бир жигит качып келе жатса, жолдон бир карышкыр кошулуп, алиги жигит бүгүн болбосо да, эртең мени жебейби деп зарлап отурганда зуу деп асмандан дабыш чыкканда, карышкыр кабакка качып кирген замат артынан чөйчөктөй болгон бирөө кошо кирген. Чуркап барса карышкырды бир буту менен боордон алып, бир буту менен оозунан капшыра чеңгелдеп көзүн чукуп жеп жаткан экен. Сарколдо аюу алган, Шаярда бугу алган бүркүттүн анык барлыгын 1916-жылында уктум. Турпанда жапайы бүркүт теке алганын көргөн кишилерге оозмо ооз сүйлөштүм. Бөлөкбай уругунан 1906-жылы 88 жашында өлгөн Тугулчу уулу Жунуш 1845-жылы чамасында агасы Өтөгөн экөө Көк уянын жангызы деген бүркүткө жана бир бүркүткө бир жылда 300дөн ашык түлкү алдырып, келген ногой кербенине бир жүздөн аша кысыр калды койго саткан. 7-8 жылдан соң эликтин башында, бир буту шилисинде калып өлгөн. 1928-жылы Нарынга караган Ажы районунда ТашТоокум Султанаалы дегендин уя бала бүркүтү Төлөктүн кара жонунан кулжа алган»[2].

Бүркүттөр менен гана чектелбей кыргыз мүнүшкөрлөрү канаттуулардан ителги, шумкар, куш, чүйлү, тынар таптап, ар кандай жаныбарларды алдырат. Мүнүшкөрлөр алгыр куштардын психологиясын, мүнөзүн да үйрөнүшөт, мисалы, ителги барып жемин ала албай калса, намыстанып, көгөрүп, ар-бери учуп жүрө берет, аны ат менен кууп жетишет.

Бүркүттөр да, бүркүт таптагандар да учурда азайды. Илгерки Томо, Томонун кызы, Үркүнчү уулу Кудайберген, Суранчы, Сыдыкбек, Кадыркул, Кутунбет, Жоробек, Мекил, Абайылда, Касым өңдүү атактуу мүнүшкөрлөр жашап өткөн. Азыркы мүнүшкөрлөр: Зарнаев Сагымбай, Ражанов Асек, Кыдыров Ишенбек. Тоң районунан Ишенбек Кыдыров Кыргызстандын тоолорунда бүркүттүн майчегир, куу чегир, жанпос, карачеп, көккымчыберет, кекчагыр ж.б. он эки түрү болорун белгилейт[3]. Ак-Талаа районунун Алтынбек Чукуев мүнүшкөрлүктү тоңдук Талгар Шабыровдон үйрөнгөнүн, Оромол-Тоонун АкИйин деген бүркүтү менен Ат-Башында өткөн салбуурун фестивалында алты коён коё берип, алтоону тең алдырганын айтат2. Ушундай жолдор менен элдик мүнөшкөрлүк билимдер калк арасында азырга чейин колдонулуп келет.

Тайган таптоо да чоң билим болгон. Ал иттин акылдуусу, тайбасы, кырааны. Каман, илбирс, бугу-марал, карышкыр алган тайгандар чыккан. Б.Солтоновдун маалыматы боюнча Ат-Башы, Нарын жакта мергенге аюу кол салганда тайганы жардам берип аман калган, 1840-1850-жылдарда Балбай баатырдын бир жылда жүздөп бугу-марал, аркар-кулжа, эчки-теке алган Ак таман аттуу тайганы жолборс алган экен. Тайган таптоо үчүн аны багуунун, күчкө келтирүүнүн да өзүнчө технологиялары иштелип чыгып, атайын элдик тайганчы адистер тарабынан бири-бирине өткөрүлүп келген.

Жакып байдын Алтайдын Бурул-Токой деген жериндеги жашоосу мындай көрсөтүлөт:

Тузакчы бар токойдо,

Кыргоол уулап кармаган (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 317-б.).

Буга караганда ал учурда кыргыздар тузак салган, тузак тарткан, ага кыргоолдорду түшүргөн.

[1] Кыргыздар: түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 10 томдук. 1-т., – Б .: 2004. – 269-б.

[2] Кыргыздар: түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 10 томдук. 1-т., – Б .: 2004. – 269-271-бб.

[3] Кыдыров И. «Бүркүттүн эң мыктысы карышкыр алат». Маектешкен С.Тоялиев // Шоокум, 2007, №3, март

 

АНАТОМИЯЛЫК БИЛИМДЕР

Анатомия – адамдын дене түзүлүшүн үйрөтүүчү илим. Мына ушул илимдин негиздерин манас доорунда эле жакшы билишкенин көрөбүз. Уруш талаасында жоокер эң биринчи кезекте өзүнүн, анан душманынын анатомиялык түзүлүшүн жакшы билиши керек. Аны үчүн кыргыз балдары өтө жашынан эле атайын үйрөтүүчүлөрдүн жардамы

2

менен адамдардын дене-боюнун кандай болорлугун үйрөнгөн. Кийин ал билимдери согуш учурунда азык арткан. Мисалы, Макел менен менен согушкан учурда Алмамбет жалгыз көздүү душмандын анатомиялык түзүлүшүн үйрөнөт жана мындай ойго келет:

Чечекейдин чети деп,

Ак чел менен каранын

Аралашкан бети деп,

Алмамбет өлчөп алыптыр

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 242).

Анан ошол жерге Көкмилтеден ок чыгарат. Ага да болбогондо эшик эндүү айбалта менен чыкыйга чабат.

Чубакка болсо Алмамбет мындай үйрөтөт:

Айры шили, кара куш – Баш менен моюн арасы, Кесер жериң ушул туш.

Мына ушинткенде эр Чубак керилип туруп шилиге тартып калат, айбалта ошондо кара кушка, шилиге уңгусунча бойлойт. Андан соң этин шылый чабат, маңдай-тескей турушуп, дигирге чейин тигилет, мойну менен урушат, дигерде башын кесишет, ууртунан тешишет.

Ушул сыяктуу эпизоддор «Манас» эпосунда арбын учурайт. Анда кыргыз жигиттери адамдын дене түзүлүшүн, кайсыл жерине кандай курал менен аракет кылууну билишкендигин көрөбүз.

СЫМБАТТОО БИЛИМДЕРИ

«Манастагы» сымбаттоо (косметология) да өзүнчө элдик билим катары көрүнөт. Эпос жалаң эле трагедиялуу согуш эпизоддорунан турбайт. Аш-тойлордо кыз-келиндердин дене-боюн сулуулап, беттерин жасалгалаганын көрөбүз. Алар баалуу таштарды ар түрдүүсүн билерик, мончок, сөйкө кылып тагынган, ошого карата кездемелердин кооздорун тандаштак.

Манас туулганда ага арнап той берип жаткан кезде келиндер, кыз балдар чачын тарашат (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 77).

Манастын хан ордосундагы аялзаты: «сөзү жатык ширин», «акылы артык». Алар:

Кызыл мүнсөк[1], кымча бел,

Кыпылдаган тасма бел,

Кынай бууган бек белин

Каныкейдин кырк келин Атлес көйнөк шоодурап, Айнектей көзү жоодурап…

…Ай тамагын кылайтып, Ак булчуңун булайтып

(Манас, 4-китеп, СО, 1982, 75).

Демек, хан ордосундагы кырк кыз башкача бир сулуу, келишимдүү болушу керек деп тандалган. Аларга ошол сулуулукту тартуулаган элдик косметологдор болгон.

Чыңкожо менен Толтой бийликке келгенде кыздарды талап кирет. Ошондогу кыргыз кыздарынын сулуулугу мындай чагылдырылат:

Келеңкер чачпак, кең соору, Келинден чыккан уз койбой.

Оймок ооз, бото көз,

Ойкуштаган кара көз,

Кырмызы көйнөк, айча бел,

Кылтылдаган кыз койбой

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 27-б.).  Мындагы кыргыз кыздары – оймок ооз, бото көз, ойкуштаган кара көз, айча бел, кең сору, ошол келбетине жарашкан кырмызы көйнөк, келеңкер чачпак.

Олоңдой болгон кайран чач,

Омуроо ылдый жайылып

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 34-б.), –

деп айтылат Кыязга аргасыздан аял болгону турган Айчүрөктүн абалына карата.

Айчүрөк:

Сулуулугу – сымбаты

Пендеде жок бейбактын

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 50-б.).

Айчүрөк дагы бир жолу мындай сүрөттөлөт:

Арка чачы самсаалап,

Тоту куштун жүнүндөй,

Кобулдуу колу жымылдап, Перизаттын бириндей. Албырган жүзү кыпкызыл, Кызгалдактын гүлүндөй…

…Нур жайнаган кара көз,

Камчыдай бели ийилген,

Жумшак кыял, таттуу сөз

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 99-б.).

Кара өрүм чачтын ыктуусу,

Катындардын мыктуусу

(Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 105-б.).   Мына ушундай самбатка кыргыз кыз-келиндери кандай жол менен жетишкен.

Элдик косметологиялык каражаттардын айрымдарын карап көрөлү:

Жаз жаңы чыкканда каакым (алакокум) чыгат, мына ошол каакымдын сүтүн бетке чыккан сөөлгө, сепкилге сүртүп, бетти тазалашкан.

Сүт тикендин да сүтүн алып, денедеги тактарды, сөөлдөрдү, сепкилдерди кетирген.

Жапайы коёндун, кирпинин канын муздатып, бетин сүртүшүп, темгилдерди, сөөлдөрдү, сепкилдерди жок кылган.

Ботонун заарысына чүпүрөк малып, кыздар бетине койгон, ошондо бетке безетки, сепкил түшкөн эмес.

Кызыл мыяны кайнатып, тундурмасын ичкен, ал адамдын сулуулугун сактайт деп эсептешкен.

Уйгактын тамырларын аябай майдалап туурап, өрүктүн майына аралаштырып, чачтын түбүн бекемдөө үчүн колдонушкан.

Бетке безетки же сепкил түшсө энесин ээмп жүргөн ботонун заарысы менен жууйт.

Орсок тиш чыккан баланын тишинин этине коёндун чийки майын сыйпап жүрсө тиши түзөлгөн ж.б. Түштүк Кыргызстанда XX кылымдын 40-50-жылдары колдонулган хына тууралуу жазуучу Мурза Гапаров мындай эскерет: «…коргондун ортосунан тоонун суусу агып өтчү эле, ошол арыктын жээктерине эже-жеңе, карындаштарым жыл сайын гүл эгишет. Кыргыз гүлдү түстөштүрүп туруп эле кызыл, сары, ак гүл деп коёт эмеспи. Ошонун сан түркүнүн эгишер эле. Алардын чекелерине кына эгип коюшчу. Ачык, даана кызыл-тазыл түркүн түс атластар болот го, ошону Ошто кан атлес деп коёт, канышалар кийген үчүнбү, же жөн эле канга түспөлдөштүгүнөнбү, айтор, билбейм. Кына гүлдөгөндө дал ошол кан атлестей гүлдөйт. Жалбырактары укмуш кооз, гүлү андан бетер. Бүчүрү, бүчүрүнүн ичинде даны болот. Аны кийинки жылы эксе болот. Бир метрге жетип-жетпей өсөт. Жазында эгишет, жайында бышып, даяр болуп калат.

Эже-жеңелерим ошону эртең менен оруп же сындырып, бир-эки талын саратанга, күндүн аптабына таштап кетет. Колхоздун ишине кетет да, тамеки үзүп, тамеки тизет дегендей. Кечинде келишет, жанагы кына аптапка соолуп, жумшарып калат. Эми ошону жыгач сокуга салыппы, иши кылып жанчышат, б.а., өсүмдүктү копкоюу шире кылып эзишет да, көкташты күлдөй майдалап ага сээп аралаштырат. Көрсө, көкташ кынаны жакшы сиңиртет экен. Кына алаканга, буттун, колдун тырмактарына коюлат. Кантип дейсиңби? Жанагы ийленген кынаны адегенде камырдай кылып жайышат дагы жатарда колуна, бутуна байлап салышат. Адегенде бир колго коюлат, бир колу менен кийинип-ичинип туруш керек да. Эртеси экинчи колуна дегендей. Эртең менен турса, баягы кына алаканын отуна, буту-колунун тырмактарына сиңип, кызыл-тазыл болуп эле жатып калат. Ушунчалык кооз көрүнөт. Анын үстүнө кыз-келиндер да буралган жаш, сулуу. Айрыкча айжамал кыздарга аябай жарашчу эле»[2].

Мына ушул кына азыр Кыргызстанга Индия, Иран, Кытай, Түркия сыяктуу мамлекеттерден экспорттолуп келет, ал эми жарым кылым мурда аны эл эшигинин алдына эгип алып, сымбаттоо каражаты катары пайдаланган. Таштын бетинен да кырып алып тырмактарына койгон.

Ошондой эле осмо эгишкен. Осмонун жалбырактарын сыгып, кашына койгон. Ал кашты ийилтип көрсөткөн жана кашты түшүргөн эмес.

[1] Кыска кызыл, жеңил чапан

[2] Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны. Арноолор, маектер, эсселер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, жарыяланбаган чыгармалар. Түз.: Абдыкерим Муратов. – Б.: Турар, 2016. – 171-б.

АДАБИЯТТАР:

  1. «Манас» эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурасы: Эл аралык симпозиумдун тезистери. – Б.: 1995. – 200 б.
  2. «Манас» эпосу жана кыргыздардын дүйнөтаанымы: Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция. – Б.: 215.
  • 286 б.
    1. «Манас» Сагымбай энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Бийиктик Плюс.
  • – 1416 б.
    1. «Манас» Саякбай энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: «Принт Экспресс. – 2016. – 1260 б.
    2. «Манас» сөздүгү: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Бийиктик Плюс. – 2015. – 296 б.
    3. Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер [Текст] / С.М.Абрамзон. – Б.: «КыргызстанСорос» фонду, 1999. – 895 б.
    4. Акматалиев А. Баба салты, эне адеби: элдик салт [Текст] / А.Акматалиев. – Б.: Баласагын, 1993. – 220 б.
    5. Акматалиев А. Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат [Текст] / А.Акматалиев. – Б.: Бийиктик, 2002. – 400 б.
    6. Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү [Текст] / А.Акматалиев. – Б.: Шам, 2000. – 348 б.
    7. Акматалиев А.А. Балдарга арналган салт жана ырымжырымдар [Текст] / А.А.Акматалиев. – Б.: 2000. – 224 б.
    8. Акматалиев А.А. Кыргыз адабияты: тарых жана мезгил [Текст] / А.А.Акматалиев. – Б.: 2010. – 940 б.
    9. Акмолдоева Ш.Б. Древнекыргызская модель мира (на материалах эпоса «Манас») [Текст] / Ш.Б.Акмолдоева. – Б.:Илим, 1996. – С. 219.
  1. Алимбеков А. «Манас» – салттуу педагогикалык билимдердин көөнөрбөс булагы // http://www.shookum.kg/
  2. Алтымышбаев А.А. Очерки истории развития общественно-политической и философской мысли в дореволюционной Киргизии [Текст] / А.А.Алтымышбаев. – Ф.: Илим, 1985 – 149 б.
  3. Байбосунов А. Донаучные представления кыргызов о природе и обществе. – Б.: Акыл, 2010. – 347 с.
  4. Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б. Бийиктик, 2003. – 346 б.
  5. Баторов П.П., Хороших П.П. Приметы аларских бурят, касающиеся погоды, сельского хозяйства и охоты // Бурятиеведческий сборник. – Иркутск, 1926. Вып.1 – с.48,49.
  6. Батуев Ж.Д. У «священного моря»: размышления об экологии, этноэкотрадициях, экокультуре // Традиционный фольклор в полиэтнических странах. – Улан-Удэ, 1998 –с.25.
  7. Ботоканова Г. «Манас» эпосундагы элдик дарыгерлик боюнча салттуу билимдер // 2015-жылдын 24-25-октярбрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай эл республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 546-547-бб.
  8. Ботоканова Г.Т. Молдо Кылыч – даанышман ойчул [Текст] / Г.Т.Ботоканова. – Б.: Кут-Бер, 2013. – 120 б.
  9. Ботоканова Г.Т. Традиционные знания: философский аспект. – Б.: Кут-Бер, 2015. – 336 с.
  10. Бөкөшов Ж. Кыргыз философиясы. – Б.: Бийиктик, 2013. – 392 б.
  11. Галданова Г.Р. Образ идеального человека сквозь призму пословиц // Традиционный фольклор в полиэтнических странах.
  • Улан-Удэ, 1998 – с. 6.
    1. Даутов К. Адабий сын кантип жаралган [Текст] / К.Даутов. – Б.: Айат, 2002.
    2. Жумаев Т. Кыргыз элинин «Ай-Күн» календары. 2-бас. – Б.: Кутбер, 2014. – 32 б.
    3. Жумагулов Ч. Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтер. 2-бас. – Б.: 2015. – 168 б.
    4. «Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты» деген темада 2016-жылдын 22-24-майында ЖАМУда өткөн илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Б.: 2016. – 396 б.
    5. Ибраимов К. «Манас» эпопеясы – кыргыз элинин рухий феномени // «Манас» Ааламы: манастаануу-фольклортаануу илимий журналы. – 2016. – №1. – 139-132-бб.
    6. Казакбаев М.Ы. Астроном жана касиеттүү Манаке. – Б.: 1996. 70-б.
    7. Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 70 б.
    8. Капалбаев О. «Манас» эпосундагы тери иштетүү көркөм кол өнөрчүлүгү // 2015-жылдын 24-25-октярбрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 567-575-бб.
    9. Кыргыздар 14 томдук: санжыра, мурас, салт, элдик билимдер жана рухий маданият. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: «Бийиктик», 2011
    10. Ларичев В.Е. Колесо времени: Солнце, Луна и древние люди. – Новосибирск: Наука, 1986, 175 с.
    11. Манас: 1-бөлүк. Тоголок Молдо-Байымбет Абдыракман уулунун варианты. Түз.: О.Сооронов. – Б.: Турар, 2013. – 680 б.
    12. Manas: Jusup Mamay – Манас: Жүсүп Мамай. – Үрүмчү, 2014. – 562-б.
    13. Молдо Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 256 б.
    14. Молдобаев И.Б. Эпос «Манас» как источник изучения духовный культуры киргизского народа. – Ф.: Илим, 1989. – 152 с.
    15. Молдобаев И.Б. Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов. – Б.: 2004. – 174 с.
    16. Осмонбетов К. Молдо Кылыч менен Жеңижоктун казалдарынын сыры [Текст] / К.Осмонбетов. – Б.: Айат, 2004. – 78 б.
    17. Саспаев А. Бүгүнкү кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө // Ала-Тоо. – 2008, март, 194-208-бб.
    18. Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 68 б.
    19. Сейдахматов К. Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү [Текст] / К.Сейдахматов. – Ф.: 1987
    20. Сейтек. 4-китеп. Бириктирилген курама вариант. – Ф.: 1960. – 266 б.
    21. Семетей, 3-китеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда. Араб арибинен азыркы кыргыз арабине түшүргөн Кеңеш Кырбашев.- Б.: Шам. – 1995. – 284 б.
  1. Семетей. Жусуп Мамайдын айтуусунда // http://erkindik.ru/forum/topic/690
  2. Тайиров М.М., Абдибаитова А.Т. История развития единицы физических величин и их использования древним кыргызским народом // ОшМУнун жарчысы. – 2013. – №2. Чыг. 3. – 138-146-бб.
  3. Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 100 б.
  4. Уэлиханов Ш.Ш. Таңдалмалар. – Алматы, «Жазушы», 1985. – 596 б.
  5. Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – Б.: «Сорос-Кыргызстан», 1995. –
  6. Цыбульский В.В. Календари и хронология стран мира: Книга для учащихся. – М.: 1982. – 128 с.
  7. Чомо уулу Д. Табыпчылык – улуу сыр: кыргыз элдик медицинасы. – Б.: «Бийиктик», 2008. – 204 б.
  8. Энциклопедический феномен эпоса «Манас»: Сб. статей [Текст] – Б.: Гл. ред. КЭ, 1995
  1. Эркебаев А. Малоизученные страницы истории киргизской литературы [Текст] / А.Эркебаев. – Б.: 1999.
  2. Эпос «Манас» и эпические наследие народов мира // Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас» Бишкек, 27-28 августа, 1995 г. – Б.:«Кыргызстан», 1995. – 208 с.

 

АКМАТАЛИ АЛИМБЕКОВ

КЫРГЫЗ ЭЛ ПЕДАГОГИКАСЫНДАГЫ  АДЕП ТАРБИЯСЫ

КИРИШҮҮ

Коомдун, мамлекеттин бакубаттыгы адамдардын пейилинен, көз карашынан, туткан позициясынан, жүрүмтурумунан көз каранды экендиги байыртан келе жаткан акыйкат. «Манас» дастанын эле алсак байыркы кыргыз коомунун абалы Жакыптын, Манастын, Абыке, Көбөштөрдүн адамдык ариетине жараша айырмалуу болгон.

Адамзат тарыхы – бул белгилүү өлчөмдө чыныгы адамдын пейилин, жүрүм-турумун жакшыртууга умтулуунун б.а. тарбиялоонун табышмактуу суроолорун чечүүнүн тарыхы. Бул суроолор бардык доорлордун улуу ойчулдарын толгонтуп келген. Алсак, байыркы грек философу Диогендин чак түштө чырак кармап чыныгы адамды издеп чыккандыгы тууралуу аллегориялык икая ушул күнгө чейин өзүнүн маани-маңызын жоготпой келет. Диогендин издегени өзөгү асылдыктарга мелт калт толгон адам болгондуктан аны жер шарынын жарымын титиреткен Македонскийден да, өзүнүн улутунан чыккан акыл каймактарынан да көрө албай абыгер чеккен. Бир күнү чоң аянтка чыгып: «Ээй… адамдар, барсынарбы?» деген Диогендин жар салганын уккан элдин баары чуркап келсе, ачуусу кайнаган Диоген колундагы таягы менен аянтка жыйналгандарды кубалап: «Мен силердей айбандарды эмес, адамдарды чакырып атам!» деп жыйналган элди кайра таратканча шашыптыр. Ал эми Жалаледдин Руми Мевлананын «Чыныгы адам кайсы жакта, айткылачы дарегин? Жаныбызды тартуулайлы, көзүбүздүн карегин»

– деген доорлордун түпкүрүнөн чыккан чакырыктары дале болсо күнү бүгүнкүдөй актуалдуулугун жоготпой келет. Адам уулунунун адам болмогу табышмактуу татаал маселе экендигин Ч. Айтматов: «Түбөлүк чечилбеген улуу талаш, Канткенде адам уулу адам болот? Адамзат качан чечет, качан коет, Канткенде адам уулу адам болот»? – деген саптар аркылуу туюнткан.

Ирландиялык белгилүү драматург Бернард Шоу (1856– 1950) таамай айткандай «Биз суу астында балыктай сүзүүнү, асманда чымчыктай учууну үйрөндүк, бирок жер үстүндө адамча жашоого үйрөнө албай койдук». Тилекке каршы бул өксүк бардык тарыхый мезгилдерге таандык аксиомага айланып калды. Ошон үчүн орто кылым ойчулу Жалаледдин Руми Мевлана «Кийим көрдүм ичинде адамы жок, адам көрдүм үстүндө кийими жок» – деп айтса, XX кылымдын ойчулу Ч. Айтматов «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» – деп жазган. Бул акылман ойлордун түпкүрүндө аң-сезимдүү адамзат жаралгандан бүгүнгө чейин ичи менен тышынын, ойлогону менен кылган эткенинин ортосундагы айырманы жойо албай келе жаткандыгы тууралуу пессимистик идея жатат.

Ал эми азыркы цивилизациянын натыйжасында адамдар эмнеге ээ болдук да эмнени жоготтук?

  1. Үйүбүз чоңойду, бирок үй-бүлөбүз кичирейди.
  2. Оокат аш көбөйдү, пейилдер тарыды.
  3. Мектептерибиздин имараттары жакшырды, илим өнүктү билимибиз, жашоого жөндөмүбүз тайыздады.
  4. Медицина өнүктү, саламатчылыгыбыз начарлады.
  5. Чет мамлекеттердин көпчүлүгүн көргөнгө убактыбыз бар, бирок кошунабыз менен таанышып баарлашууга убакыт таппай келебиз.
  6. Элди башкаруудан да, өзүн өзү башкаруу кыйын болуп баратат.
  7. Эгемендүүлүккө ээ болдук бирок, эл жердин тагдырына кайдыгерлик күчөдү.

Булардын баары коомдук масштабдагы адептик кризистердин, жаш муундарды адептик жактан тарбиялоо ишибиздин натыйжасы балдарыбыз алып жаткан таалим тарбиянын дал өзү экендигин бир саам да көңүлдөн чыгарбашыбыз зарыл.

Адептүүлүккө тарбиялоонун мазмунун туура долбоорлоо улуттун өзөктүү баалуулуктарына негизделиши шарт. Г.Н Волковдун сөзү менен айтканда «Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт» [21, 5].

Биздин азыркы муун жер үстүндөгү кыргыз дүйнө таанымынын узак мезгилдүү таржымалынын бир гана көз ирмем бөлүгү болуп саналат. Ал эми ар бир муундун өз мойнундагы парзы, жонуна көтөргөн эбегейсиз жүгү болот. Бир муундун кесепеттүү кадамы кыргыздарды чексиз туңгуюкка түшүрүп салышы мүмкүн.

Ошондуктан улуттук руханий жүзүн, дараметин сактап келечек муундарга өткөрүп берүү жаатында кечикпей жасап кала турган иштерибиздин масштабы көп кырдуу жана терең.

Тарыхый өнүгүүнүн айныгыс мыйзамы ушул улут улут болуш үчүн, ар бир инсан өз улутунун руханий баалуулуктарынын муундан муунга нукура уланткычы, ташыгычы (носитель) болушу үчүн ошол маданият менен жеке инсан ортосунда тынымсыз эриш аркак, субьект – субьекттик мамиле болушу шарт. Ал дөөлөттөр кан аркылуу өтпөйт. Айталы ата-энесинин таза кыргыз болгону эч убакта баласынын сөзсүз кыргыз болуп калыптанышынын кепилдиги боло албайт. Тагыраак, айтканда инсан улуттун өзөгүн түзгөн руханий баалуулуктарды сактоочу, өздөштүрүүчү, өнүктүрүүчү, жүрүм-турумунда жетекчиликке алып ошол баалуулуктар үчүн жашагандай таалим-тарбия чөйрөсүн түзүү зарыл. Ансыз улутту түзгөн атрибуттар өзүнөн өзү ыдырайт, өзүнөн өзү бузулат, чачырайт, кулайт.

Улуттук руханий-адептик баалуулуктарга негизделген таалим-тарбия чөйрөсүн түзүү обол ошол баалуулуктардын өзөк тилкелерин аныктоо талабын жаратат. Кыргыз элинин руханий адептик маданиятынын өзөгүн эмнелер түзөт? Бабаларыбыз тарабынан түптөлгөн адептик баалуулуктардын кайсынысы кийинки муундар тарабынан улантылышы зарыл. Автор балдарды адептик жактан тарбиялоо ишине тике жоопкер мектеп мугалимдерине, аталган ишке кесипкөй катары даярдыктан өтүп жаткан жогорку педагогикалык окуу жайлардын студенттерине, ата-энелерге кыргыздардын адептик маданиятынын өзөктүү багыттарын чечмелеп берүүнү көзөмөл тутат. Китепче тууралуу каалоо жана сунуштарды төмөнкү адрес боюнча жөнөтүп коюуңуздарды өтүнөбүз. 720044, Бишкек, КЫРГЫЗСТАН Тынчтык проспектиси, 56., почта gmail:

akmatali_alimbekov@mail.ru

 

1. КЫРГЫЗ ЭЛ ПЕДАГОГИКАСЫНДАГЫ АДЕП ТАРБИЯСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ АЙРЫМ ТҮЙҮНДҮҮ ТҮШҮНҮКТӨР

«Адеп» сөзү кыргыз тилине араб тилинен оошуп кирип, азыркы маани-маңызы жагынан кыргыз элиндеги адамдын адамгерчилик касиеттеринин көп жактуу компоненттерин бир түйүнгө бириктирген түшүнүк катары кабылданып калган. Ушундан улам кыргыз тилинде адеп түшүнүгүн туюндурган төл лексикалык бирдиктер болгонбу? – деген мыйзам ченемдүү суроо туулбай койбойт. Арийне, терминдердин тегин териштирүү өз алдынча атайын изилдөөнү талап кылат. Биз каралып жаткан маселенин үстүнө ачык калпып чыккан айрым жагдайларга гана учкай токтолобуз. Кыргыз элинин салттуу педагогикалык дүйнө таанымына саресеп салып олтуруп мындай бир жагдайды көңүлгө албай коюуга болбойт. Алсак, кыргыз тилиндеги «ак» жана «кара» деген сөздөр жакшылык менен жамандык сыяктуу адептик түшүнүктөрдүн синоними катары колдонулат. Ошондуктан өрнөктүү адептик түшүнүктөр «ак эмгек», «ак ниет», «ак жүрөк», «ак жолтой», «ак жүздүү», «ак нике», «ак той», «ак көңүл», «акка баш ийүү» деп айтылат. Ал эми «Манас» эпосунда элдин сүйгөн каарманынын аты, үйү, курал жабдыктарынан бери баары түгөлү менен «ак» деген эпитет менен мүнөздөлөт. Мисалы, ак келте, ак олпок, ак сарай, ак өргө, ак шумкар, ак болот (кылыч), аккула ж.б. Мындан Манас туруш турпаты, иш-аракети менен эл ичинде жакшылык, адилеттик орнотууну аркалаган ак жолтой, ак санатай инсан экендигин башкалардан айырмалап таанытуу, идеализациялоо мотивин байкоо анчейин кыйын эмес.

Алтай түрктөрү байыркы ишенимдерине ылайык «ак төс» деп адамга жакшылык кылуучу ырайымдуу духту, ал эми «кара төс» деп зыяндуу духту түшүнүшкөн. [16 68-75]

Байыркы хундарда элдешүүнүн белгиси катары бири бирине «ак» түстөгү аттарды тартуу кылышкан. Көпчүлүк учурда алар «ак» түстөгү жылкыны союп анын канын кымызга аралаштырып эки уруунун элинин өкүлдөрү бирдей уурташкан, бул элдешүүнүн белгиси болгон. [59, 166]

Кыргыздарда жарашуунун дагы бир формасы катары «ак үйлүү» деп аталып бири-бирине эки жак тең өз элинин бир жакшы бүлөсүн аманат катары жиберишкен. «Манас» эпосунда Акбалта Эсенкандын журтуна «ак үйлүү» болуп барган. Эл ичинде «ак чачуу», «ак кийгизүү» сыяктуу жакшылыктын болушун ыроологон ырым-жырымдар азыркыга чейин жашап келет. Демек, «ак» сөзү байыртан эле «жакшы», «ыйык» деген жакшы ниет, ыйман, адепахлак деген педагогикалык түшүнүктөр менен өзөктөш, тамырлаш болгондугу талашсыз.

Ал эми «кара» эпитети жамандыкты туюндуруучу өтмө мааниде көп колдонулат. Мисалы, жаманчылык ойлогон же тескери иш жасаган адамдарга «кара мүртөз», «кара ниет», «кара санады», «ичи кара», «жүзү кара», деген туруктуу сөз айкалыштары колдонулаары белгилүү. Кара ар дайым жамандык болгондугунун же боло тургандыгынын белгиси. Мисалы, элдик ишеним-түшүнүктөргө ылайык үйдүн ээси өлсө аялы «кара кийди» деп айтылат. «Кара жолтой» эпитети жамандык ишке себеп болгон адамга карата айтылат. Ошондой эле «кара басты» деген туюнтма зыяндуу духтар тескери жасады (шайтан басты) дегендей түшүнүктө колдонулат.

Жогоркулар менен бирдикте кыргыз тилинде адамдын адептүүлүгүн мүнөздөөчү «жөн билгилик», «жетик», «нарктуу» деген түшүнүктөр кездешет. Ар нерсенин жөнү, салттык эреже талаптары, тартиби бар деп айтылат элде. Жөн билгилик өзүнүн пейил мүнөзүн, жорук жосунун эл ичинде кабыл алынган эрежелерге тууралап алып жүрүү, өнүктүрүү. С. Иптаров белгилегендей «Жөндүүлүк, жөн билгилик, жөнү менен болуу – кыргыздын негизги адептик эрежеси болгон. Жөндүүлүк – кубулуштун ички табиятына мүнөздүү көрүнүш. Бардык нерсе өз жөнү менен жашайт. Жөн – эч өзгөрбөс мыйзам да эмес, улам өзгөрмө каада да эмес, ал – мезгил менен мейкиндикке шайкеш, коом аныктаган туура, орундуу, ылайык иштин тартип-эрежеси, багыт-жолу». [ 27, 41] «Адат – адат эмес, жөн – адат» – дегендей, жөн билгилик адамдагы ары өрнөктүү, ары туруктуу пейил-мүнөзү, кишилигинин чыныгы жүзү. Кыргыздарда адептүүлүктүн синоними катары «нарктуулук», «нарктуу» сөзү да кеңири колдонулат. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү боюнча «нарктуу адам» – баалуу, нускалуу адам дегенди туюнтат.

Кыргыз элинин азыркы таалим-тарбия практикасында адеп, ыйман түшүнүктөрү туруктуу орун таап, төл сөзгө айланып калгандыктан бул кабиледеги кубулуштарды чечмелөөдө дал ушул терминдерди негиз кылып алуубуз шарт.

«Кыргыз тилиндеги арабизмдер» (Б., 1998) сөздүгү боюнча «адеп» түшүнүгү арабчадагы «аддаба» – адабият, тарбия» деген сөздөр менен тектеш. Негизинен «жакшылыкка чакыруу» жана «тартиптүү болуу, илбериңки болуу» деген маанилерди түшүндүрөт [38, 23-б.]. Араб – ислам дүйнөсүндө «адаб» сөзү ыймандык дидактикалык мазмундагы чыгармалардын жанрдык өзгөчөлүгүн да туюнткан. Чыгармачылыктын мындай тармагын өнүктүрүүнү парыз туткандарды «адиб» деп аташкан. Биз тарабынан башка авторлор менен бирдикте даярдалган «Таалим-тарбия терминдеринин чечмелеме сөздүгүндө» (Б., 2002) «адептик өсүш» деген түшүнүк берилип, ал: «адамды туура жана жаңылыш адептик түшүнүктөрдү айырмалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуучу жана анын жорукжосунун өрнөктүү абалга алып келүүчү өнүгүү» катары аныкталган. [13, 4].

Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» аттуу китебинде адепжүрүм, жүрүм-турум; сылыктык деп берилет. Ал эми адеп-ахлак – жүрүм-турум, кулк-мүнөз дегенди билдирет [ 33, 28]. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө «адеп» – ызааттуу, тартиптүү жүрүм-турумдун, өзүн алып жүрүүнүн нормасы, сылыктык деп берилет. Адептүү – адеп сактай билген, тарбиялуу, адеби бар, сый-сыпаттуу, өзүн өзү кармай билген деген маанини берет. Ал эми адепсиздик – адеби жоктук, башкаларды ызат кылбагандык деп түшүндүрүлөт. Чындыгында, «адеп» түпкүлүгүндө коомдо түптөлгөн тартип эреже-талаптарынын, ыйман нормаларынын, баалуулуктардын чегин айкындоочу түшүнүк. Адеп жана ыйман түшүнүктөрү тектеш болгону менен арасындагы айырмачылыкты сөзсүз эске алуу абзел. Адамдын адептүүлүгү анын акыл парасаты жүрүм-туруму, башкаларга жасаган кишилик мамилеси аркылуу ачыкка чыкса, ыйман анын жан дүйнөсүн, ишеним, ынанымдарын мүнөздөйт. Илим айдыңында бул түшүнүктөрдүн чектери аздыр көптүр ажыратылып каралып келген менен күндөлүк таалим-тарбия чөйрөсүндө аралашып колдонулуп жүрөт. Ушундан улам 2000 – жылдардын башында мектептерде адептик билим берүү сабагынын аталышын тактоодо кайчы пикирлер өтө эле арбын болгон.

Адам пендесинин адептүүлүгү, ыймандуулугу эмнеден көрүнөт? Бул маселе туeралуу түрдүү улуттун, коомдордун социалдык саясий, маданий-менталдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык ар кандай чечмелениши мүмкүн. Бирок, жалпысынан адеп жана адамдын адептүүлүгүн, ыймандуулугун төмөнкүчө мүнөздөөгө болот.

Адеп, ыйман – адамдын адамча жашоо мыйзамы, адам болуу билими.

Адептүүлүк, ыймандуулук – күн-түн бою адамдардын жүрүм-турумун тескеп жаман жоруктан сактап туруучу матрица. Адамдын денесин ысык-сууктан кийим коргоп тургандай ыйман жан дүйнөсүн ыплас нерселердин таасиринен коргоп турат.

Адамдын адептүү, ыймандуулугу – бул жашоодо тикендүү талаада бутту кандай сактап басса, жашоодо жаман жорук жасап коюудан ошондой этият жана аяр болуусунан өзүн эл арасында да эч ким көрбөгөн жерде да, өзүнүн жорук жосунун бирдей тутуусунан, туура ойлоо, ойлогонуңдай сүйлөө, сүйлөгөнүңдөй жашоосунан көрүнөт. Адамдын адептүүлүгүн анын ниет-пейилинин, жүрүм-турумунун, адат салттарынын коомдо кабыл алынган эреже салттарга дал келиши катары кабылдоо туура. Адептүүлүк нормаларды адамдардын кыйшаюсуз сактоосун көзөмөлгө алуучу эң күчтүү каражат – коомдук пикир, элдин назары.

Кыргыз эл педагогикасында балдарды жаштайынан адепке үйрөтүүнүн маанисин актуалдыштырган накыл сөздөр арбын. «Адам көркү – адеп», «Адеби жоктун аты жөнүн сураба», «Адептүү – алкыш алат, адепсиз – каргыш алат», «Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшойт» деген макалдарда таалим-тарбиянын бул багыты адамдын адам болмогунун негизи катары каралат. Көчмөн кыргыз коомунда эл ичинен чыккан акылмандар менен акындардын адептүүлүк менен адепсиздиктин айырмалуу жактары тууралуу накыл кептери кеңири белгилүү болгон. Ошондой акылмандардын даанасы Сарт аке «Жүрүш-туруштун, кулк мүнөздүн, пейилдин өзү адептүүлүк жана адепсиздик менен бааланат. Адептүүлүк калктын урматтоосуна алып баруучу айкын жол» Адепсиздик – өтө төмөндүк. Ал акыры жек көрүүчүлүккө, элден чыгууга алып барат. Кептин кыскасы, адептүү, акылдуу, жөн билги адам – жарык жылдыз, күнөстүү жерге өскөн жайдары гүл болсо, адепсиз адам чалчыктагы балыр сыяктуу» – деп айткан. [41, 77 б]

Бардык элдер сыяктуу эле адептик-этикалык маданияты көп кылымдык рухий практикалык тажрыйбаларды камтыйт жана көп кырдуу келет. Алар өз ичине балдарды меймандостукка, мекенчилдикке, элчилдикке, улууларды урматтоо, башкаларга акыл эстүүлүк, жакшы ниет тилекте болуу, кичи пейилдик, боорукерлик, сылыктык, жөнөкөйлүк, ынтымак-ырашкерлик, жоомарттык, кең пейилдик, толеранттуулук, адилеттүүлүк, чынчылдык, уяттуулук, калыстык, сабырдуулук сыяктуу сапаттарга тарбиялоо сыяктуу баалуулуктарды камтыйт.

  1. МЕКЕНЧИЛДИК, ЭЛЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО

Кыргыз элинин салттуу педагогикалык маданиятындагы акыл ой жана тажрыйбалардын өзөктүүсү – бул эл, жер жана мекенди сүйүүгө жана коргоого тарбиялоо. Мекенчилдик кыргыз тарыхынын бардык мезгилдеринде инсандын мекен менен сыймыктануусун, сүйүүсүн, аны коргоого көп кырдуу даярдыгын камтыган коомдук аң-сезимдин жетилгендиги жана ошону менен бирдикте өтө катаал адептик принцип болгон. Мекенчилдик – эң оболу жан дүйнөнүн, рухтун абалы. «Мекен» түшүнүгү кыргыздарда аталардын жери, «Киндик кесип, кир жууган жер же киндик каны тамган жер, туулуп өскөн жер, эл-журт катары аңдалат. Бул тууралуу «Манас» эпосунун саптарында «Киндик кесип, кир жууган артта калды жерибиз» (Каралаев) деп айтылат. Ошону менен бирдикте мекенди «аталардын жер-суусу», «атадан калган жерсуу», «ата бабанын ээлеген конушу» катары мүнөздөгөн туруктуу метафоралар да бар. Бул түшүнүктөр тарыхый тамыры тектеш түрк тилдүү элдерде да учурай турганын көрүүгө болот. Алсак, хакастарда «ата жер-суу» («ада чир-суу») туулган жер, мекен деген маанини туюнтат. Демек, «мекен» ата бабалардын каны, эчен кылым бел чечпеген мээнети менен түптөлгөн ыйык жай. Кыргыздар адатта турмушта бири бирине айылчылап барып ал жай сурашканда «Ата-бабанын ээлеп келген конушу силерге кут болсун, өрүшүңөр кенен болсун!» – деп тилек айтышкан. Эл сынына толуп аты аңыз болуп айтылып келген беделдүү инсандардын баары – эң обол өмүр жашоосун мекенсиз элестете албаган нарктуу адамдар болушкан. Элдик дастандардын каармандары ата мекендин азаттыгы, эгемендүүлүгү үчүн аалам кезип, дүйнөнүн кайсы жеринде согушпасын, кандай гана кооз керемет асыл чөлкөмдөрдү аралап көрбөсүн, баары бир алар үчүн туулган жеринен ата-журтунан ыйык жер жок. Журт которуп бөтөн жерди мекендеп кеткен кейипкерлер сейрек кезигет. Салттык көз карашка ылайык андайлардын жоругу «журт безер», «эл безер» катары тескери пикир жараткан. Элдик ырасымсалтка ылайык жортуул учурунда бөтөн жер, бөтөн элде каза тапкандардын сөөгүн да ата-журтуна алып келип көмүшкөн. Алсак, орус оторчуларынын саясатына баш ийбей кошууну менен жер которуп кеткен Алымбек датканын уулу Абдылдабек 1877-жылы чет жерде (Ооганстанда) каза болгондо өз керээзи боюнча анын жүрөгүн туулуп-өскөн аймагына алып келип көмүшкөн.

Кыргыз элинин мекенчилдикке тарбиялоо түшүнүктөрүнүн мерчеминде «жер» менен катар «эл» түшүнүгүнө да өзгөчө басым жасалат. Айрым учурда «эл» түшүнүгү маани-маңызы жагынан борбордук мааниге ээ. Анткени көчмөндөрдө элдин бүтүндүгү, бакубаттыгы жамааттык жашоонун, бар болуунун эң башкы субстанциясы деп эсептелинген. Бул маселе айрыкча кыргыз элинин сыймыктуу мурасы болгон «Манас» дастанындагы «Кырк үйлүү кыргыз журт үчүн, Курман болуп кетейин» деген саптарда бекемделет. Макалдарда «Эл болбосо, эр болбойт», «Эл ичи – алтын бешик», «Казына – казына эмес, эл – казына», «Элиң тынч – жаның тынч», «Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат», «Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат» деп айтылат.

Жеңижок акын элчил адам гана эстүү, алдуу, кубаттуу болоорун белгилейт:

Эстүү киши элим дейт,

Эл жактаган жеңилбейт.

Айрым макалдарда эл алдыда болор нерсени көзөп айткан көсөмдөрдөн да, эчен баатырлардан да улуу күч катары сыпатталат: «Көл таянычы – жер, көсөм таянычы – эл», «Эр жаңылса да, эл жаңылбайт», «Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк», «Эрден озмок бар, элден озмок жок». Өзүмчүлдүк, обочолонуу жана менменсинүү кесирлүү жорук катары эсептелет: «Эл ыйык, элден чыккан – суюк», «Эл – мазар, элден чыккан – азар», «Жалгыз аттан чаң чыкпайт», «Жалгыз таруу ботко болбойт», «Жалгыз дарак токой болбойт», «Жанын баккан жарыбайт да, маарыбайт, элин баккан арыбайт да, карыбайт», «Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба».

Акын Арстанбек жеке адам, мейли ал кандай гана кубаттуу бийлик жана байлык ээси болбосун, эл менен ымаласы аркылуу гана адам коомунан татыктуу орун таба алат деген осуят калтырат:

Кайратың тоону бузса да Кашыгың көлдү сузса да

Оозуңдан чыккан сөзүңө

Зоо куланып, учса да

Эл менен сен адамсың

Элден чыксаң жамансың

Кабарың күнгө жетсе да

Жылдызга колуң жетсе да

Жараткандын дүйнөсү

Бүт колуңа өтсө да

Эл менен сен бийиксиң

Элден чыксаң кийиксиң». [66, 130]

Бул термеде Арстанбек элден чыгууну кийикке теңеп атканынын өзүнчө сыр мааниси бар. Салттык түшүнүктө «кийик» – «жапайы адам» символу. Өмүр жашоосун көпчүлүктүн кызыкчылыгына багыштап, эл менен эл журт менен журт болуп жашай албаса, жеткен жетишкендиктеринин баары түккө арзыбай калат. Демек, мындай адамдардан айрым жашоо мүнөз күткөн өзүмчүл инсандар ким болсо болсун, эгер адамдар коому менен ымалада жашоого көнүкпөсө жапайыдан айырмасы болбойт. Элдик эреже салттарга каршы келген осол жоругу менен ашкереленген адамдар коомдо жек көрүндү болуп «же элге батпай, же жерге жатпай», «күлү бир жерге додо болбогон» жанга айланат.

Кыргыздар узак кылымдык тажрыйбаларынын негизинде элдин кудуретин бийлик менен мансаптан алда канча жогору турарын белгилешет: «Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат», «Эрден безсең да, элден безбе» деп эскертишкен. Хан болуу калк алдында эсеп берүү, жооптуу болуу, «Үзүлгөндү улоо, чачылганды жыйноо», «Кулаалы таптап куш кылуу, курама жыйып журт кылуу» дегенге барабар болгон. Орхон-Енисей таш жазууларында карайлаган калкты бейпил, бардар турмушка жеткирип, башына бак таалай кондуруу эбегейсиз чаалыкпаган эмгектин аркасы менен гана ишке ашаары эскертилет: «Мен кандыкка келгенде телегейи тегиз журтка кан болбодум. Мен кандык кылган элдин кардында тамагы жок, үстүндө тону жок шордуу эл эле. Биз ата-бабабыз башкарган элдин даңкын өчүрбөс үчүн түн уктабадым, күндүз олтурбадым. Теңирим жалгап, кутум бар үчүн өлүп кор болуп бараткан журтту тирилттим. Жылаңач элди тондуу кылдым, жарды журтту ынтымакташтырдым, жоолаштырбадым, бардыгы мени көрдү (урматтады, сыйлады)» [56, 90].

Кыргыздардын мамлекет башкаруу салтында элден «алуу» эмес, элге «берүү» – негизги нерсе. «Бай» киши – мал-мүлкү көп киши эмес, аны калкы менен бөлүшкөн элине арка-бел болгон киши. Журт башчысы жана бек болууга ушундай талаптар коюлган. Элдик эреже, салттарга ылайык жогорку даражада өнүккөн атуулдук аңсезим гана адамдын жетилгендигин аныктайт: «Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт».

Кыргыз элинин коргонор чеби да, эң күчтүү, эң ишенимдүү куралы да мекенчил, элчил урпактарды, «эр», «эрен», «шерлерди» тарбиялоо системасы болгон. «Эр адам» салттуу кыргыз коомунун элитасы болгон. Анткени, эркек аттуунун баарына эле эр жигит статусу берилген эмес. Байыртан эле кыргыз үй-бүлөсүндө ата-эне перзенттен анын элге арка бел болуп сыймык алып келээр адам болушун самап «Атанын уулу болбосо да, элдин уулу болсун» – деп үмүт тилек кылышкан. Күл-Тегин жазууларында «Умай энедей Каныша энемдин багына иним Күл-Тегин эр атын алды» – деп эненин бак таалайы перзентинин эр наамына татыктуу болуп жетилиши менен өлчөнөөрү белгиленет. Өз наристесинин калк кадырына ээ болгон легендарлуу же реалдуу адамдардай болушу жөнүндөгү ниет каалоолор бата салтында, бешик ырларда да кездешет.

Байтеректей бийик болсун, Жоолошконго коргон болсун. Жол баштаган көсөм болсун, Үшүгөнгө күн болсун.

Душманына кылыч болсун. Эл сүйгөн эрен бол. Азамат бол, эр бол,

Ааламдагы шер бол.

Бакайдын өмүрүн берсин.

Эр Агыштын көңүлүн берсин

Манастай билектүү бол.

Каныкейдей тилектүү бол.

Алмамбеттей улуу бол.

Аруукедей сулуу бол.

[3, 15]

Баланын калкка калканч болоор эр болуп жетилиши тууралуу бата тилектер өзгөчө «Манас» эпосунда жыш учурайт.

Манаска парзант берсин деп,

Пайдасын калкы көрсүн деп,

Каныкей эркек туусун деп,

Душмандан намыс куусун деп,

Баатыр бала болсун деп

Манастай арбак консун деп. [3, 16]

Семетей Кабылан Кошой карыянын батасынан бүткөн. Ошентип, эптеп эле «ашка жүк, башка жүк» балдардын санын көбөйтүү көчмөн элдердин жашоо ыңгайына туура келген эмес. Ата намысын, нарктарын кастарлап, андан ары улап кете албаган «аяк бошотоор», «араңжан», «ашкеби» балдардын барынан жогу жакшы деген тыянак көчмөн элдердин башка калктардан айырмалуулугун мүнөздөөчү көз караш болгон. «Манас» дастанында бул идея «Эркек бала эр болсун, эр болбосо ал бала, туулбай кара жер болсун» – деп өтө катаал талап катары бекемделген. [48, 27]

«Коркут ата китеби» боюнча көчмөн элдердин байыркы эреже-салттарына ылайык эркек балдар кандайдыр бир себептер менен баш кесип, кан төкмөйүнчө аты жок жүрө беришчү. Өзгөчө Бектердин балдары баш кесип, кан төкмөйүнчө бийлик да беришчү эмес, башкача айтканда атанын бир нече уулу болсо да, бийлик элин-жерин душмандардан коргоого жарамдуу, кылыч алып кан төгүүгө психологиялык жана физикалык жактан даяр уулуна ыйгарылган. «Коркут ата китеби» мурасындагы «Казанбек уулу Ороздунун туткунга түшүшү» деген аңгемеде атанын арманы төмөнкүчө билдирилет:

Он алты жашка толдуң,

Бир күн келет, күнүм бүтүп мен кетемин,

Сен каласың,

Жаа тартпадың, ок атпадың,

Баш кеспедиң, кан төкпөдүң,

Кандуу Огуз ичинде олжолуу боло албадың [15, 12]

«Эртеңки күнү заман өзгөрөт, мен өлүп сен каласың, сага таажымды, тактымды, эч ким бербейт деп ыйладым» – дейт. Мындагы Казанбектин кайгы-ыйы тикеден-тике өзүнүн ордун басуучу уулун бекзаадаларга таандык билим жана өнөргө үйрөтө электигине байланыштуу болуп жаткандыгын байкоо анча кыйын эмес. Демек, муундар уланып, коломто оту өчпөй турушу тек балалуу болуудан эмес, аны ошол функцияны аткарууга тарбиялап, даярдоодон көз каранды деген тыянак ортого чыгат.

Балдарды мекенди коргоого практикалык жактан даярдоо кенедей кезинен эле башталган. Кыргыз эли мекенчилдикке тарбиялоонун факторлору, методдору тууралуу жаатында да бай билимдерди иштеп чыккан. Ал билимдер миңдеген жылдар бою кыргыздардын элдик таалим-тарбия салттарынын туруктуу эрежелеринен болуп келген. Уул балдарды чыйрак, чыдамкай кылып жетилдирүү үчүн бала төрөлгөндө анын киндигин муз менен кесип кар менен киринткен салты болгон. «Манас» эпосунда: «Киндик кесип, кир жуусаң, киндигиң музга кесесиң» – деген саптар кездешет. [23, 287]. Ушул эле максатта бешиктеги баланы чечип алып шатырата төккөн жамгырга атайылап тосуу, кара нөшөрдө жаш балдарды жылаңачтап чуркатуу ыкмалары да болгон.

Балдар оюн курагына жеткенде жоо куралдарын колдонуу, ат үстүндө жүрүү сыяктуу жоокерден талап этилүүчү айрым ыкмаларды өздөштүрө башташкан. Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асаба» романында «Жаш балага топурак таткантуу» салты жөнүндө баяндалат. Беш жашар Жаш тегинге «Көктөн теңир буюрду. Татып алың уул! Бул эр атаң жаткан ыйык жердин топурагы» деп Эр Кулчурдан мүрдөсүнүн топурагынан уучтап алып, балага үч ирет жалатат. [63, 114] Анан алаканында калган топуракты жибек баштык түрүндө жасалган тумарчага салып, аны баланын мойнуна илет. Бул бир жагынан салт, экинчи жактан баланы ата бабанын руху менен байланыштыруучу тарбия каражаты болгон. Оюн ишмердүүлүгүнөн башталган бул иш аракеттер тыкыр ойлонуштурулуп программалуу келген. Башкача айтканда бул оюндар оюнкарак баладан Бала баатыр атагына чейинки бардык сапаттарды каалыптандырууну көзөмөл туткан.

Баланы эрдикке, тайманбастыкка тарбиялоодо жана алптыкка даярдоодо ата-эне жана эл (коом) бала үчүн үлгү боло алган. Азыркынын тили менен айтканда эл ичинен эр алптардын өсүп чыгышына өбөлгө болуучу шарт жагдайлар, реалдуу таалим-тарбия мейкиндиги болгон. Элдин келечек турмушунун кооптуулугу баатырдык салттардын муундан муунга уланышына көз каранды болгондуктан, ар бир ата өз урпагын баатыр катары тарбиялоону эң башкы парз катары эсептеген. Башкача айтканда аталардын таалимчилик милдеттери азыркыга салыштырмалуу өтө эле көп кырдуу жана татаал болгон. Алар туш тарабы кооптуу көчмөндүк турмушта эл-жерин, үй-бүлөсүн коркунучтан сактоо үчүн эрдик көрсөтүү, үй-бүлөсүн эмгек кылып азык оокат менен камсыздоо, өзүнүн ордун ээлей турган балдарды тарбиялоо, балдарын үйлөнтүү үчүн татыктуу жар табуу сыяктуу көп кырдуу милдеттерди аркалашкан. Кыргыздар аталар үйүндө да, сыртта да коомчул адеп-салттарды алып жүргөн нарктуу болушун талап этишкен. Алар байыркы бабалардан мурасталган жашоо турмуштун ырасым салттарын сактоочу, келечек муунга кемитпей өткөрүп берүүгө милдеткер. Ушундай милдеттерди жерине жеткире аткарууга жетише алгандар гана ата деген наамга ээ болуп, эл-журт жана урпактары тарабынан кастарланган. Бирок, турмуш чындыгы ченем калыптарга караганда алда канча татаал. Элчил, коомчул нравасы таалимчилик дарамети жагынан бардык эле аталар нуска көрсөтө албайт. Ушундай акыйкаттын таасын үлгүсү Манастын атасы Жакып. Жакып ата катары уулу Манастан эл үчүн байлыгын гана эмес кара жанын аябаган «Калк туткасын», «Эл агасын эмес» катардагы бай адамдын бирин көргүсү келет. Манас эл кызыкчылыгы, элдин эртеңи тууралуу санаа менен жашаса, Жакып байлыктын кулу болуп «ата – бала» бири бирине кыйкырса үнү жетпес, эки жээкте калышат. Ошентип, Манастын Эр болуп жетилишинде Жакыптын салымы жеткиликсиз. Ал «Атаңа ыракмат!» – деген алкоого татыксыз инсан.

«Манас» эпосунда аталардын таалим – тарбия ишиндеги кем өксүктөрү коомдук тарбия аркылуу толукталышы зарыл деген корутунду чыгат. Дээринен баатыр чыгаары белгилүү болгон Манасты эл билермандары атайын педагогикалык камкордукка алат. Манас Акбалта баштаган Бакай, Кошой, Ошпурлардын таалими аркылуу мал багаар эмес, эл багаар, элди азаптан куткаруучу чыныгы баатыр – уул катары калыптанып жетилди. Акбалта баштаган Бакай, Кошойлор дал ушул эдик наркты алып жүргөн, даанышман таалимчилер элдик педагогдор катары алдыңкы планга чыкты. Кыргыздарда уул балдардын эрдик көрсөтүп, өзүнө таандык ысмына ээ болуп, эл ичинде ээлеген ордунун өзгөрүшү энелердин да эң башкы тилеги болгон. Энелер уул балдардын эр-алп болуп жетилиши үчүн түп жактан шыктандырып, ар кандай таасир көрсөтүшкөн. Алар айрыкча баласы аңчылыкка алгач аттанганда ырым кылып элдин батасын, ыраазчылыгын алуу ишин уюштурушкан. Балдардын эр алптыкка баш коюу акты энелер тарабынан өзгөчө кубаныч менен коштолгон салттык шаан-шөкөттөрдүн уюштурулушу перзенттин «эр алп» катары жетилишинде энелердин бул процесске активдүү катышышынан кабар берет.

Алсак, Чыйырды Манасты атасы Жакыптын жалтанчаак, арабөк адамдык сапаттарынын таасиринен коргоп «Эрдик үчүн, эл үчүн ылаачындай талбагын» – деп тапшырма берет. Жусуп Мамайдын вариантында Манасты дагы таалим алсын үчүн Акбалтага атайы жөнөтөт. Кошмо вариантта Манасты Ошпурга «дагы төрт жыл тарбиялап бер» – деп дайындайт. Демек, Манастын энеси Чыйырды таалим-тарбия жолунун башында турган эне – тарбиячы катары чырайына чыгара даңкталат. Баланы «Эрешен тарткан эр кылуу, эр уулу менен тең кылууга» байланыштуу эне тарбиясынын салты Каныкейдин бейнесинде

Чыйырдыдан да жогорку даражага көтөрүлөт. Ал баланы аман гана сактап калбастан, анын келечекте мекенчил, баатыр болуп жетилиши үчүн күлгүн-жаш өмүрүн садага чабат.

«Коркут баба китебинин» кээ бир варианттарында уул балдар согуш өнөрүн үйрөнүүгө киришүүдөн мурда кат таанып, сабатын жоюп, билим алышы керектиги тууралуу да маалыматтар кездешет. Мындай билим берүү системасынын курамына согуш курал-жарактарын туура колдонууга үйрөтүү да кирген. Буга байланыштуу төмөнкү эпизод көөнө тарыхтын көп тажрыйбаларынан кабар берет: «Бейрек сабакка кетип бара жатса, көчөдө ойноп жүргөн балдар «атсыз» деп шылдыңдашат. Бейрек сабатсыздыгын жойгондон кийин, атасы аны ок-жааны атканды жакшы билген адамга «балама согуш куралдарын туура колдонууну үйрөт» – деп берет [55, 123].

«Манас» эпосундагы Ошпурдун тарбия системасы да байыркынын көзү менен караганда өз алдынча «мектеп» образына окшоп кетет. Манас-бала ошол оюн процессинде да өзү теңдүү балдардан айырмаланып турат, шок өсөт. Кулк-мүнөзү, баам-парасаты, бүт тулкунан бери өзгөчөлөнөт, чулусунан толуп, кара күчү ашат. Колуна тийген баланы далысынан капшыра кармап, бургай чаап чаңыртат, тамырлуу тал, теректи жулуп, күчүн сынайт.

Ошпурдун колуна Манас али өзү аты жок «Чоң жинди» аты менен келип өзүнүн тайманбас курчтугу менен калмакка дүмөк салууга кудуреттүү, арстан, кабылан катары калыптанып чыгат. Ошпурдун таалим-тарбия мектебинин негизги принциптери катары баланы эркин өстүрүү, анын жоруктарын тыюу чектөө, баланы бардар турмуштан алыс кармоо, оокат-аш, мал жана байлыкты кантип табууну жон тери менен сездирүү сыяктуу жана башка эрежелерди көрсөтүүгө болот. Манас жаштайынан эле эмгекке, өз алдынча мээнет менен жан багууга чегерилет. Оюн процессинде өзү теңдүүлөрдүн лидери болот жана тегерегиндегилер менен мамиледе акыйкат болот. Эпостогу Манастын бала чагына байланышкан баяндарды сөздүн кеңири маанисинде көчмөн кыргыздардын мекенчил, элчил балдарды тарбиялоо жаатындагы билимдеринин хрестоматиясы катары кабылдоого болот. Мындай салттык билимдер белгилүү өлчөмдө Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асаба» романында да таасирлүү сүрөттөлгөн. Мында көчмөн түрк калктарынын балдарды баатырлыкка тарбиялоонун Эр киши тарабынан программаланган «Атка мингизүү», «Рух сөз менен оозантуу», «Ат жалын тартып минүүгө көндүрүү», «Жоокер оюндарына катыштыруу», «Согуштук куралдарды жасоого үйрөтүү», «Эр алп атын берүү» сыяктуу сабактары берилген. [63]

Балдарды мекенчил, элчил кылып тарбиялоо практикасында элдик оозеки чыгармалар өзгөчө таанымдык жана тарбиялык жүк ташыган. «Манас» баш болгон мамлекеттүүлүк, эркиндик азаттык үчүн күрөштөгү элдин майтарылбас руху менен бийик инсандык өрнөктөрүн чагылдырган оозеки дастандар кыргыздар үчүн бабалардан калган осуят сабактардын жана таалим-тарбия тажрыйбалардын соолбос кенчи катары кабылданган. Ата-энелер балдарды тарбиялоонун багытын, методдорун да, натыйжасын да териштирип баалоонун чен өлчөмдөрүн да, дал ушул булактардан табышкан. «Манастын улуттук аң-сезимге сиңиши эне сүтүнө, эне тилине барабар, аны менен чогуу келген табигый көрүнүш. «Манасты» билбеген адам өз элин, тилин, жерин билбегендик», «Манасты» билбегендик жан дүйнөнүн жардылыгы» – деген сөздөр афоризмге айланып кетиши бекеринен эмес. Бул акыйкат казак акыны М. Шахановдун «Адашкан цивилизация же Каирхандын купуя мыйзамы» аттуу поэмасында нокотуна жеткире баяндалган. Өткөн замандардын биринде ЫсыкКөлдүн боюнда эл оозуна алынган көрктүү, тайманбас баатыр жигит көлдүн чүрөгү аталган сулуу кыздын колун сурап, анын атасынын ыраазычылыгын алуу үчүн келет. Ырасым-салтка ылайык жигит ар түрдүү өнөрүн көрсөтүп элдин купулуна толуп сынынан өтөт. Кыздын атасы кымыздан кере жута ойго батып күтүүсүздөн «Манасты» же анын айрым үзүндүлөрүн биле бекен? – деп суроо салат. Журтта жан жоктой тынчтык пайда болот. Жооп жок. Жигит жер тиктейт. Атасы «Жок болбойт», «Жан дүйнөсү жарды адамдын жакын адам болушу душмандан да коркунучтуу» – деп кесе айтат.

«Манас» эпосу урпактарды патириоттуулукка тарбиялоо боюнча көп кырдуу идеялардын инсандык өрнөк нускалардын гана булагы эмес, эл «Манас» эпосу аркылуу балдарды торолтуп, эрезеге жеткирип, эл камын жеген баатыр-баланын даражасына чейин тарбиялап жеткирүүнүн факторлору, методдору тууралуу билимдерин, тажрыйбаларын да кошо чагылдырат. Ал билимдер миңдеген жылдар бою кыргыздардын элдик таалим-тарбия салттарынын туруктуу эрежелеринен болуп келген.

  1. УЛУУ КИЧҮҮЛӨР, АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БАЛДАР

ОРТОСУНДАГЫ АДЕП САЛТТЫ САКТООГО ТАРБИЯЛОО

Кыргыз эл педагогикасында жаш муундарда ак пейилдүүлүктүн бийик өрнөгү катары улууларды урматтоо маданиятын үйрөтүүгө өзгөчө маани берилген. Бул жаштардын адеп нарктуулугунун жакшы таалим тарбия алгандыгынын эң негизги натыйжасы катары каралган. Кыргыз макалдарында карыялар ар дайым акыл нускасы менен жашоо турмуштун бакубаттуулугун толуктап турган кут катары бааланган: «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар», «Жаш-күчү менен, кары-кеңеши менен», «Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке», «Улууну урматта, кичүүнү ызаатта», «Кары билет кааданы, карчыга алат сонону». Эл ичинде улууларга урмат менен мамиле кылуунун төмөнкүдөй эреже салттары жаш муундардан бекем талап кылынган:

Карынын кебин капка сал

Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон.

Кичүүгө ызаат, улууга урмат

Карыга катуу айтпа, ката кетирсе жаакка чаппа.

Кыргыз элиндеги улууларды урматтоого байланышкан адептик эрежелердин бекемдиги элдик педагогикалык маданияттын үлгүлөрүн чагылдырган бардык мурастарда эң башкы руханий баалуулук катары катталган. «Акылдуу чал» деген жомок күндөлүк таалим-тарбия ишинде балдардын кулагына дамамат сиңирилип келген «Карынын сөзүн капка сал», «Кары билгенди баары билбейт» – акыл насааттардын маани-маңызын чечмелөө үчүн атайын жаратылгандай таасир калтырат. Илгери эсирген бир хан «Кырк жаштан кийин адамдан акыл чыкпайт, алардын баарын өлтүргүлө» – деп буйрук берет. Буйрук аткарылат. Арасынан бир гана бала амал менен атасын сандыкка салып сактап калат. Карыларынан айрылган эл бир жагынан хандын акылсыз буйруктарын аткаруунун, экинчи тараптан ар кандай табигый кырсыктардын амалын таба албай азап чеге баштайт. Ошондой кырдаалдан эл карыянын баласы аркылуу жашыруун айткан кеңештери аркылуу аман чыгышат.

Хан баланы чакырып алып: «Эл таба албаган акылды сен кайдан таап жатасың, бул өз акылыңбы же башка бирөө үйрөттүбү» – дейт. Бала болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берет. Хан ошондо гана жаңылыштыгын мойнуна алып «акыл карыялардан чыгат турбайбы» – деп жашы өткөндөрдү урматтап сыйлоого чакырат.

Махмуд Кашгаринин атактуу мурасында да улууларды сыйлоо, кыйын күндө эл менен бирге болуу жөнүндө акыл-насыят айтылат:

«Улуу киши чакырса, Тезирээк кел жүгүрүп.

Кургакчылык туш болсо,

Калба элиңен бөлүнүп» [51, 126].

Кыргыз элинде улууларды урматтоо иретинде айтылчу бир топ этикалык түшүнүктөр жана терминдер бар. Адатта балдарды улууларга «чоң ата», «чоң эне», «таята», «таене», «аба», «аке», «байке», «эже», «таеке», «таеже» деп ызаат менен кайрылууга үйрөтүп келишкен. Улууларга кайрылганда мындай жөрөлгөнү колдонбоо бейадептиктин белгиси катары каралат. Бул сөздөр туугандык байланышы жок, бет маңдайынан чыккан бейтааныш, чоочун жашы улуу адамдарга карата кайрылганда да сылыктыктын жана ызааттоонун белгиси катары дамамат колдонулган. Айрымдары расмий билим берүү мекемелеринде да колдонулуп келет. Алсак, кыргыз мектептеринде окуучулар мугалимдерге «агай» (ага), «эжей» (эже) – жакындык сезим менен кайрылышат. Кыргыз элинде өзүнөн улууларга гана эмес, кичүүлөргө да сый ызаат менен кайрылууну туюндурган бир катар терминдер бар. Улуулар балдары менен куракташ жаштарга дайыма «кызым», «уулум» ал эми өзүнөн бир аз кичүүлөргө «карындашым», «иним», «иничек» деп жакындык сезимди жаратуучу сөздөр менен кайрылышкан.

Манас ат жалын тартып минген күндөн баштап улуулардын алдынан кыя өтпөй ызаат менен мамиле кылат. Өзү хан даражасында болсо да улууларга аттан түшүп салам берүү салтын бекем кармоого аракет кылган. Бирок, кыргыз салтына ылайык жаш болсо да, жолу улук болгондуктан салт билген улуулар ыраазычылык менен аттан түшүрүшкөн эмес. «Айтайын жооп сөзүңө, абаке Кошой өзүңө» – деп өзүнөн улууларды сыйлоо жагынан баарына өрнөк үлгү көрсөтөт. Ал улуулар тарабынан айтылган сынды ар дайым терикпей туура кабыл алган. Тескерисинче «Эдене тойтоң сөзүмдү, Эптеп жолго салыңыз» – деп карыялардын кеңешине ар дайым муктаж экендигин туйгузуп турган. Кыргыз тарыхына назар салсак акылы тунук, нускалуу карыялардын катышуусусуз бийлик жүргүзүү болгон эмес. Калк көсөмү катары Калыгул Ормон Ханды согуштан баш тартууга аракет кылып төмөнкүдөй таасирдүү акыйкат таамай-так сөзүн айткан: «Көп Казакка аттанба, Казактын малын аласың как талаада каласың». Ормон Хан да мүнөзү канчалык катаал болсо да Калыгулдун акыл кеңешин урматтоо, сыйлоо менен угуп аткарган.

Демек, улууларды сыйлоо, алардын акыл тажрыйбасына таянып иш кылуу калк тарабынан хандар тараптан да кыйшаюсуз аткарылуучу эреже болгон.

Кыргыз элинин турмуштук практикасына бекем сиңип калган жаштардын биринчи болуп улууларга салам бериши, үйгө карыя киргенде баары жапырт туруп ызаат көрсөтүшү аларды өзгөчө ардактуу орунга отургузуу, жана башка жөрөлгөлөр улууларды сыйлоо, алардын адептикэтикалык маданиятынын башкы эрежеси экендигинен кабар берет. Улууларды урматтоо салты мейман тосууда да эң башкы эреже катары жетекчиликке алынган. «Аксакалдарга төр, жаштарга жол» – деп коноктор улуулаштыра жайгаштырылган. Карыядан, ал тургай бир эки жаш улуу адамдан жогору отуруу адепсиздик катары эсептелген.

Кары киши кеп салып жатканда ыклас коюп тыңшап олутурушкан. Улууларга карата жасала турган мамиле сый мүнөздө гана болуп, алардын көңүлүн оорутуу чоң катачылык катары кабылданат. Карылардын көзүнчө сөз талашуу, ыплас сөз айтуу мындай турсун, теңтуштардын өз ара шакаба айтуусу да өтө чектен тыш жосунсуз жорук катары эсептелген. Элдик адепке ылайык дасторкондобу же башка шарттабы жаштар өздөрүнөн улуу адам кирип келгенде жапырт ордунан турушуп ызаат менен төргө өткөзүшкөн. Бул салттык эреженин өтө маанилүүлүгүн ушундан көрүүгө болот, эгерде улгайган адам эшикке чыгып кайра кирсе да жаштар кайрадан ордунан туруулары тийиш болгон. Айрым учурда карыялар «Олтура бергиле, ордуңардан козголбогула! – деп өтүнгөндө гана орундарында калууга мажбур болушкан. Ордунан тургусу келбей ыңырынган жаштарды «Куйругуна таш байлап алгандай» деп сындашкан. Өзүнөн улууларга орун бошотуп, сыйлоо салтынын трансформациясын азыр коомдук транспортто ыймандуу жаштардын жүрүм-турумунан да байкоого болот.

Дасторкондо отурганда эреже катары ар кандай тамак абал улууларга тартылат, бул алардын улуу кишиге көрсөткөн урматы, анын ошол үй-бүлөдөгү баркынын жогору экенин көрсөтүү болуп эсептелет. Улууларга карата жасала турган мамиле сый мүнөздө гана болуп, алардын көңүлүн оорутуу чоң катачылык катары кабылданат. «Манас» эпосунда Алмамбет баатыр Манаска келип кошулганда аны кыргыз эли тосуп алып, тамак-аш жайып кымыз сунганда ал элдик этикага ылайык өзүнө сунулган кымызды «Абакеме сунгун» деп Бакайга узатат. Алмамбет кыргыздардын адеп салтын бекем сактап, өзүнүн жүрүмтурум эрежеси катары тутунгандыктан, алардын наркты билген кадырлуу адамдарынын катарында каралат.

Элдик адептик жөрөлгөлөр жаштардан көчөдө эгер алдынан чыгып калса алгач салам берип өтүп кетмейин ийменип, жол бошотуп токтоп турушун талап эткен. Жаштардын бул жоругун карыялар «Тарбия тартип көргөн ыймандуу неме экен» деп алкоого алышкан. Көчөдө болобу, дасторкон үстүндө болобу жаштардын жосунсуз жоругуна күбө болуп калган шартта карыялар аларды тыйып, ыйман адепке чакырып эскертүү жасоого акылуу болгон. Балдар алардын кеп кеңешин кыңк этпей угуп аткарышкан. Х. Карасаев илгери аксакалдар дөңдө олтуруп акыл кеңеш курушканда урууларды ынтымакташтыруу, ээнбаш тентектерди тыюу жөнүндө көп сөз кыла турушкандыгын эскерет: Ал гана эмес, айланасында ойноп жаткан балдардын кээ бири тентектик кылса, дароо ага акыл айтып, тил албаса, урушуп койчу. Дегеле бир жерден тентекти көрсө, аны чакырып алып, акыл сөзүн айтчу. Кимдин баласы экендигине чейин сурачу. Ошондуктан карыя адамдын көзүнчө балдар тентектик кылышчу эмес» [34, 398]

Балдарга үлгү нуска болуш үчүн карыялар да өздөрүнүн жүрүм-турумун салттык баалуулуктардын чегинде тутушкан. Сүйлөшүп олтурганда уят сөз карылардын оозунан чыкчу эмес. Мындай наркты кармай албай, ойду-тоону бир сүйлөгөн карыяларды «сакалың өрттөнгүр», «алжып калган, бок-ооз абышка» – деп жек көрүшкөн. Үлгүлүү карыялар колунда жок, жону жука туугандарына кайрылышкан. Өзүнүн гана эмес, туугандарынын балдарынын адептүү өсүшүнө да көз кырын салып турушкан. Неберелерин дайыма тойго, эл чогулган башка жыйындарга ээрчите барып көп нерсени таанытууга аракет кылышкан.

Балдарга эл ичинде кадыр сыйы, нускасы менен даңазаланган карыя адамдардын «Батасын алып берүү», «Кешик түбүн ичирүү» деген салттары азыркыга чейин уланып келет. Бата балдардын аң – сезиминде оң эмоцияны жаратуу, анын иш аракетин туура жолго багыттоо, дем кубат, стимул берүү жашоого шыктандыруу максатында улуулар тарабынан айтылуучу тарбиялык таасири күчтүү каражат катары эсептелген. Ошондуктан ата-энелер «Жамгыр менен жер, бата менен эл көгөрөт», «Атаңдан бото калбасын, бата калсын», «балам өмүрлүү, ыймандуу болсун» деген накыл кептерди жетекчиликке алышып балдарына мүмкүн болушунча көп карыялардын батасын алып берүүнү парыз катары эсептешкен. Айрым учурда жалпы элдин батасын алып берүү үчүн атайылап той да өткөрүшкөн. Ал эми кешик түбүн ичирүүдө деле балдар нарктуу адамдын кешигин ичсе анын касиети жугуп, ошондой адам болот деген ата-эненин үмүт тилеги жатат. Дасторкон үстүндөгү мындай ырасымды кылдат сактаган карыялар даамдын түбүн: «Ме айланайын, мендей карып жүр», «Ме балам, менин жашымды берсин», «Ичип кой балам ырыс кешигим сенде калсын» – деп сунушкан.

Бул салттардан улам зыяпат өткөргөн ар кандай адам дасторконунун башында нар көтөргүс наркы бар адамдардын катышышына умтулган. Кадырлуу карыянын зыяпатка келип, улуу сөздөн кеп салып, нуска касиетин көпчүлүккө жугузуп олтурушу бөтөнчө таалим-тарбия мейкиндигин, кырдаалын жараткан. Эгерде мындай карыялар өтө карып, аш-тойго өз алдынча келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, атайын киши жөнөтүп атка учкаштырып тойго катыштырып кайрадан үйүнө сый ызаат менен жеткрип коюшкан.

Кыргыздарда «Аксакал», «карыя» деген мүнөздөмө улгайган адамдардын баарына карата айтыла бербейт. Элде «жакшы карыптыр», «жакшы карылык берсин» деген түшүнүктөр бар. Анын негизинде адам жакшы, узак гана жашабастан, бийик нарк-нускага ээ болуусу зарыл деген элдик тилек да, талап да жатат. Жакшы карыя элдик адеп-нарктын күзгүсү катары өзүн дайыма өрнөктүү тутат. Эл оозунан жыйналган айрым маалыматтар боюнча нарк нускасынын даражасына ылайык карынын «Эл карысы», «Айыл карысы», «Үй карысы» деген үч түрү болот. Булардын ичинен даража масштабы жогорусу – «Эл карысы». Алардын катарына элдин, журттун кечээкиси, бүгүнкүсү, эртеңи тууралуу тынымсыз акыл калчап замандын өзгөрүшүн башкалардан эрте туйган, элдин бараар багытын туура аныктап, бийлик башындагылардын, бүтүндөй журттун көрөөр көзү болгон даанышман карыялар кирген.

Өз тууган, жээк-жаттарынын уруусунун кызыкчылыктары менен чектелбей, улуттук масштабга көтөрүлгөн Калыгул олуя жана Ысык-Көлдөн чыккан акеси Садыр, Мойт, Сарт, Тилекмат, Кыдыр, Карга сыяктуу жети аке дал ушундай кут даарыган, акылман, кеменгер адамдар болгон. Ал эми «Айыл карысы» бир айылдын масштабында адеп салттардын сакталышы үчүн каада нарк күткөн, башкаларга нуска көрсөтүп кеңеш берүүгө дараметтүү карыяларды мүнөздөө үчүн айтылган. Өткөн замандарда нускалуу карыясы жок айыл болгон эмес. Кокус тигил же бул айыл элинде пейил бузулуп, жосунсуз жоруктар байкалып калса «кой-ай!» деп тыйып койоор аксакалы жок бекен» – деп айың кеп кылышкан. Демек, аксакал болуу төрдөн орун алып жаштардын сыйын көрүү дегендик эмес. Жаш муундардын ызаат-сыйына татыктуу болуш үчүн улуулардан акыл топтоо, акыл колдонуу акыл таратуу сыяктуу бир катар милдет, вазийпалар талап кылынган.

Бул жагдай XIX кылымда жашап өткөн эл акылманы Сарт акенин калайыктын калың катмарына белгилүү: «Молдолордон кат калса, усталардан дат калса, карыялардан урпактар айтып жүрөр акыл-насаат сөз калат. Алды муун көп болот, артыбызда сөз калсын, келер муунга кеп калсын», – деген санат сөздөрүндө да таамай чагылдырылган.

Жалпылап айтканда, кыргыздарда адамдар улгайып, карыган сайын сый урматы артуу менен жаштарга өрнөк, нуска, жол көрсөтүп тарбиялоо түйшүгү да артып барган. Бул акыйкат Шабдан Жантай уулунун карыялыгын кантип өткөргөнү тууралуу 1912-жылдын 9-апрелинде «Семиречинские ведомости» аттуу газетада Пишпек уездинин начальниги И. Талызин тарабынан даярдалып жарыяланган некрологдо да тастыкталат. Некрологдо Шабдандын эл журттун ынтымак ырашкерлигине данакер болуп, аларды жакшы жолго багыттап, таалим-нускасын көрсөтүп келгендиги тууралуу минтип жазылат: «Баатырга күн сайын жүздөгөн кыргыздар түркүн иштер менен кеңеш сурап келишчү. Көп сандаган үй – бүлөлүк жана турмуштук чаташкан маселелерди, баатыр кыргыз адатына таянып туура чече билчү. Андыктан баатыр кыргыз элинин жан дүйнөсүнө жакын эле. Ал жоолашкан менен таарынышкандарды элдештирип, тынчтыктын үрөөнүн себе билгендиктен, урмат сыйга жеткен. [65, 84]

Көзү өткөн маркумдардын мүрзөлөрүн ыйык жай катары ардактап сактоо, аларга багыштап куран окуп туруу да улуу муундарды урматтоо салтынын өзгөчө көрүнүшү болуп эсептелет. Бул салт азыр да өз күчүндө. Азыр да кайсы кыргыз айылына барбайлы, айланасы таза, түрдүү дарактар отургузулган бейиттерге күбө болобуз.

Кыргыздардын урпактарды адептүүлүккө тарбиялоо системасында жети ата тарыхын билүү талаптары орчундуу мааниге ээ болгон. Адатта санжырада тигил же бул уруунун улуу муундарынын өрнөктүү өмүр жолу, адеп салттары соңку муундарга нускалуу насыят формасында өзүнчө сабакталып айтылат. Аларга өзүн-өзү тарбиялоо үчүн өрнөк, үлгү катары сунушталат. Ошентип, мурдагы муундар калтырып кеткен акыл-ойлорду, турмуштук тажрыйбаларды соңку муундардын байманасына айландыруунун, муундар ортосундагы рухий педагогикалык байланышты бекемдөөнүн жана сактоонун бөтөнчө формасы болгон. Адатта жаңы төрөлгөн наристеге «ата-бабаларыңдын арбагы колдосун», «ата-бабаларыңдай адеп ариеттүү бол» деп бата берилет. Улуулар жаштардын кылык-жоругундагы терс көрүнүштөрдү теске салуу иретинде: «Ата-бабаларга, жети атаңа кеп тиет» деп эскертишкен. Чыңгыз Айтматов өзүнүн «Ак кеме» повестинде бул жөрөлгөнү билбегендиктин кесепетин азыркы муунга жеткирүү үчүн бала менен айдоочунун төмөнкүдөй диалогун киргизген.

Бала турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине аябай таң калат:

  • Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле атаң? – деди бала.
  • Ит билеби. Ага неге таңсык болдуң? Жети атамы билбейм, бирок, көрүп турасың го, көп катары жашап жүрөмүн.
  • Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.
  • Эмне үчүн?
  • Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балда-рымын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт… Бала тарабынан ачыкталган эреже салт атадан балага мурасталган салттык билимдердин эң башкыларынын бири болгон. [1]

Жети атасын билүү элдин адептик этикалык мыйзамдарынын эң жооптуусу, эң башкысы болгон.

Жети ата тарыхын билүү этнографиянын принциби боюнча санаганда ата бабалардын 175 жылдык турмушун адеп салттарын билип ошолорду карап түздөнүү дегендик.

Жети ата салтын жетекчиликке алуу – бул менин жакшы жоругум жети муунга үлгү болот же осол жоруктарым үчүн алды жактагы жети муунум жер карап, кепке кемтик сөзгө сөлтүк болот деген жоопкерчилик.

Жети ата кодексин билбегендерди «кул», «тексиз», «жетесиз» – дешкен. Бул сөздөрдү этибарга албагандар арам менен адалды, ак менен караны ажырата албагандар катары сыпатталган.

Ата-эне жана балдар ортосундагы адептик мамилелер. Кыргыз элинде улууларга карата урмат сыйдын эң башкы көрсөткүчтөрүнүн бири – өз ата-энесинин кебин эки кылбай, айткан насаатын, баштаган жолунан чыкпай жашоо, эне сүтүн, ата мээнетин актоо. Айрыкча энеге болгон ызаат сый бөтөнчө орунда турат. Түрк тилдүү элдердин байыркы тарыхын изилдеген атактуу окумуштуу Л.Н. Гумилевдун эзелки доордо түрк калктарында «эне» деген ыйык катары өтө бийик баалангандыгы, уул-кыздар ата-энеге бет келгенде адегенде энесине жүгүнүп салам берип, андан кийин атасы менен учураша тургандыгын өзгөчө белгилеген. Түрк дүйнөсүндө энеге урматтоого тарбиялоо салтынын бекемдигин Барсбектин эстелигиндеги «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем» деген жазуулардан да көрүүгө болот. Энелик сезимдердин атанын сезимдеринен алда канча күчтүүлүгү жөнүндөгү идея бардык түрк элдеринин, анын ичинде, кыргыз макалдарында да белгиленет: «Ата сырткы тон, эне ички тон», «Эне – мазар, эненин тилин албаган – азар». А. Э. Измайлов белгилегендей, кыргыздардын салттуу маданиятында: «Эненин аты – адам баласынын жашоосунун аягына чейин сакталган ишенимдүү таяныч… Эне – акылмандык, чексиздик жана эрдиги жагынан асыл, аруу жана ыйык сүйүүгө ээ болгон жалгыз адам» [26 123]. Салттык педагогикада энелердин какус-кукусуна ар дайым тигил же бул жоруктан арылтуучу дабаа катары кароо көз карашы бекем калыптанган: «Бээ баласын чапчыса да, мерт кылбайт».

Кыргыздарда энеге болгон урмат анын төркүнүнө б.а. анын ага туугандарына карата урмат сый менен да коштолгон. Кыргыздарда эр жигиттин сый урмат көрсөтө турган үч журту – ата журту, тага журту, кайын журту болот деп айтылат. «Таяке пир болот» – деген түшүнүктүн түпүкүрүндө эненин төркүндөрүн сыйлоо салты жатат. Мындай сыйдын жообу – тага журттун жээнге карата болгон мамилеси. Кыздын балдарын анын төркүндөрү өзгөчө кадырлашкан. «Жээн жерде отурбайт, антсе таякеси кембагал болуп калат» – дешкен. Тага журтунан жээни каалаган нерсесин сурап алууга укуктуу болгон. Ошол себептүү «Жээн келгенче жети бөрү келсин» деген сөз чыккан.

Кыргыздардын салттуу педагогикалык маданиятында энелер менен бирдикте атанын тарбиялык таасири өзгөчө чечүүчү күч катары жогорку даражада белгиленет. Түркия түрктөрүндө үй «Ата очогу» («Baba ocağı») «Үй-бүлөнүн астанасы ата менен башталат» деп айтылат. Кыргызда ата ары ыйык, ары улуу түшүнүк болгондуктан, улуттун аң – сезиминде «ата-баба», «жети ата», «ата конуш», «ата журт», «ата мекен», «ата салты», «баба салты» деген бир катар категориялар калыптанып калган.

Кыргыз фольклорунда аталарды эң обол акылман таалимчи педагогдор катары сыпаттап даңазалаган жомоктор арбын. Буга байланыштуу «Асан Кайгы жомогунда» атасынын акыл кеңештерине сугарылган Төлөн Мырза «Артыкбаш дөөлөт азгырат, чыгарып жолдон жазгырат» деп дүнүйөгө кызыкпай, кемчиликке кейибей, ачууга алдырбай, өзүнө канча зыян кылса да бирөөлөрдүн көңүлүн оорутуп, шагын сындырбай, ченемсиз такыбалыгы менен сыноочуларды айран-азыр калтырат. Мындай өрнөктүү жүрүм-турумга жеткендигине жалгыз атасы Асандын акыл кеңеши, тарбиясы себеп болгондугун аңдатат. Кыргыз макалдарында атанын атын пир тутуп ызаттоого, сыйлоого тикеден тике багыт берилет:

Алты күн ач болсоң да, атаңды сыйла.

Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.

Элдик педагогикалык акылмандык өз ата-энесинин кадырына жетип, урмат, ызаат көрсөтө алган адам гана өз балдарынан сый көрө алат деп нускайт.

Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан опаа (жакшылык) көрөсүң.

Кыргыздарда ар бир ата-эне балдарына «Силерден топурак буюрса экен» – деген тилектерин көп айтышкан. Бул сөздөрдө балдарынын амандыгын тилөө менен бирдикте акыркы сый ызааттын маңыз-маанисин аңдатуу акылмандыгы да катылган. Салттык турмуштун бул сабактары балдарды ата-эненин көзү өткөндө балалык парызын татыктуу аткарууга моралдык – психологиялык жактан даярдап олтурган. Өткөн мезгилдерде уул балдар жоого аттанып кайтып келээр келбеси белгисиз кырдаалда да ушул парызын эстен чыгарган эмес. Буга байланыштуу адабиятчы Ү. Култаева тарабынан катталган Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги эне-бала Толгонай менен Субанбектин прототиптеринин салттык жосундары таасын мисал боло алат.

Аны Толгонайдын небереси Бубайша мындайча эскерген: «Согушка кетээрде таекем (Субанбек) таенеме бир сыйра эң жакшы кийим, көп метр ак кездеме сатып келиптир. Муну эмне кыласың десе, күн ысыкта чекесинен айрып салынып жүр, башыңа ысык өтпөсүн деп коюптур. Көрсө согуштан кайтпай калаарын сезген окшойт зирек жан. Апасынын «актыгын» өзү камдап кеткен тура. Таенем да кыраакы киши ичтен сызып калыптыр. Биз бала кезде таенем сандыгынан жаңы буюмдарды, анан ак кездеме чыгарып, күнгө жайып кургатып, сылай бүктөп кайра сандыкка салаар эле. Көрсө ошол уулу алып берип кеткен өлүмтүктөрү экен. Кийин көз жумарда бизге: «Мени Субанбек алып кеткен кепинге орогула!» – деген жалгыз гана керээзин айтты. Биз сөзүн орундаттык». [36, 25]. Ү. Култаева белгилегендей, бул салт эне-баланын укук милдети так жана бекем тууралуу элдик тарбиянын жазылбаган ыйык мыйзамдары.

Ата-энени сыйлоонун бийик үлгүсүн «Манас» эпосунан да көрө алабыз. Манас атасы Жакып менен пикири келишпегени менен «Каяша айтсам атама, калкка уят болом» – деп, ага болгон перзенттик сый ызаатынан жазбай, башка аксакалдар менен бирдикте төрүнөн орун берет. Ал атасынын кем өксүгүнө карабай урматтоо менен элди турмуштун, эркиндиктин жаңы сересине баштоонун ортосунда чайналбайт. Өзүнүн түпкү максатын ишке ашыруу үчүн атасы канча ирет көрпенделик кылып чекилик кетирсе да, кемчилигин бетке айтып уяткарганга даабайт, ата-балалык салтты сабырдуулук менен сактап көтөрөт. Бул өрнөк кыргыз менталитетинде «атанын жаманы болбойт» – деген салттык түшүнүктү түптөп кеткен.

Мындай көз караш кыргыздарда салттык түшүнүккө айланып кеткенин Калыгулдун насыяттары да тастыктап турат.

Жаман ата болбойт, жаман адам болот,

Бала да эртең ата болот, Ошон үчүн ата балага Аска-зоо болот да коёт.

Бала атадан акыл, таалим алат,

Ата дөөлөтү менен өргөөсүнө туу сайылып,

Кермесине күлүк байланат, Заманга жараша топко аралашып, Эл башына шайланат.

Атанын кеби – Алланын кеби. [32, 134].

Азыр да эстүү жаштар аталарына кемчиликтери үчүн тил тийгизгенди кишиликтен оолактоо катары санашат. Анткени, жакшы атасын эч ким бербейт.

Ал эми «Семетейде» атадан аш талашуу, жол талашуу абийрисиздиктин белгиси катары айкындалган:

Атадан мурда аш ичкен,

Абийирдин баарын кошо ичкен,

Ошенткен бала болобу

Ошону бала деген оңобу.

Ырасында эле байыртан азыркы күнгө чейин ата-энени сыйлабагандык адамгерчиликсиздиктин эң акыркы чеги катары каралат. Ата-эненин ыраазычылыгын ала албаган адам каргышка калат, эл катарынан чыгат. Бир караганда «Ата каргышы ок, эне каргышы бок» – деген кыргыз эл макалында эненин балдардын кандай жорук жасаганына карабастан мээрим төгө берерин белгиленгендей көрүнөт. Бирок, элдик педагогиканын мыйзамдары гумандуу, ошону менен бирдикте, өтө катаал да болгон. Ак жолдон адашып ата-эне мээнетин актамай турмак акаарат келтирген балдарды, эс акылына келтирүү, ыйманга чакыруу иретинде «Эне сүтүнөн кечүү», «Ак кылуу» – деген салттуу жазалар калыптанган.

«Ак кылуу», «ак» – арабдын «гак» деген сөзүнөн алынып тике маанисинде балалыктан кечүү деген маанини туюнтат. Бул өтө жаман каргыш болгон. Ата-энесин сыйлабаган балага тескери бата берип, балалыктан кечишкен.

Ата тилин албаган,

Ай талаага качкандай,

Ага тилин албаган,

Моюн толгоп баскандай! –

деп санат чыгарган. [33, 247]

Ата-эне тилин албаган, ага тилин албаган балдар, ай талаага тентип кеткен селсаяктай болгон. Мындай балдарга карата каргыш эне оозунан төмөндөгүчө айтылган: «Ак сүтүмө эле койдум. Балалыктан кечтим, мен көргөндү сен да өз балдарыңдан көр. Кыз болбой кымырап кал, өмүрүң бейпай өтсүн ылайым. Ата-энесин сыздаткан неме жакшылык көрбөй сыздап өтсүн». [33, 247]

4. АДАМДАРГА АК ПЕЙИЛДЕН МАМИЛЕ КЫЛУУГА ТАРБИЯЛОО

«Адам – адам менен адам», «Адам болоор кишинин адам менен иши бар» – деген кыргыз эл педагогикасынын эрежелерине ылайык балдардын адамдар менен ымала түзүп, киши болуп эл катарына кошулушу коом мүчөлөрү менен өз ара мамиле түзүүнүн маданиятын үйрөнүүдөн башталат. Ал эми өз ара мамиле маданияты өз чын-дилден саламдашуу салтын үйрөнүүдөн башталат. Ата-энелер кыргыз баласы саламдашпай сөз баштабайт, айтылган саламды жоопсуз калтырбайт деген жазылбаган мыйзамды балдардын кулагына тынымсыз куюп келишкен. Конокко барганда же үйгө конок келгенде кичинекей бөбөктөргө да «Канаке абаң же эжең менен учурашчы?» – деп атайылап кайрылышкан. Айрым учурда мындай сунушту «Кана балам, учурашып койбойлубу?» – деп меймандар айтышкан. Эгерде балдар өз алдынча орундуу салам айтышса «Ии кадыресе киши болуп калган турбайсыңбы, азамат!» – деп алкап батасын беришкен. Булардын баары балдарга саламдашуу салтына тарбиялоого канчалык даражада маани берилип келгенин тастыктайт.

Арийне, ар бир улуттун, анын ичинде, кыргыздардын учурашуу салттарында бөтөнчө эрежелер болгон. Белгилүү өлчөмдө башка маданий кубулуштар менен бирдикте кыргыздын саламдашуу салты да деформацияга учурады деп айтууга толук негиз бар. Анткени, кыргыздарда азыркыдай кучакташып, өбүшүп учурашуу салты болгон эмес. Ал тургай кол алышып учурашуу да өөн ырасым катары кабылданган. Эки доордун маданиятын тең көзү менен көргөн даанышман окумуштуу Х. Карасаевдин маалыматы боюнча: «Кыргыз эч убакта кол алышып көрүшкөн эмес, «Котур колдон жугат» – деп эки колун бооруна алып таазим кылып гана койчу». [34, 404 ]. Бул ырасым тамакты колу менен жеген кыргыз элинин салттык гигиеналык билимдеринен да кабар берет.

Кыргыздардын саламдашуу салтында көчмөндөргө мүнөздүү бир катар эрежелер калыптанган. Алардын ичинен төмөнкүдөй талаптарды бөлүп көрсөтүүгө болот: – кичүүлөрдүн биринчи болуп учурашышы;

  • жаш курагына карабай аз кишинин көп кишиге жана үйдө олтургандарга сырттан кирген кишинин биринчи салам айтышы;
  • атчандын жөө адамга, жолдо өтүп бараткандар жол боюнда олтурган көпчүлүккө озунуп салам бериши.

Элдик педагогикалык эрежелерге ылайык кыз балдар бирөөнүн бүлөсүнө келин болуп барганга чейин улууларга ыйбаа көрсөтүп «амансызбы, арбаңыздар?” – деп учурашышса, келин болгондон тартып улуулар алдында акырын ийилип жүгүнүп учурашышкан.

Кыргызда учурашуу салтын сактабагандар катуу сынга кабылган. Учурашуу эрежесин сактабагандарды «Саламын эптеп бере албаган» деп, ал эми алик албай койгондорду «Саламдан садага кеткен” деп катуу сындашкан.

Адатта, кыргыздар учурашканда «Арыбаңыз» деп кайрылышып, анан ага «Бар болуңуз» деп жооп кайтарышчу экен. С. Иптаровдун маалыматы боюнча «Арыбаңыз» деген сөздүн мааниси өтө кеңири жана терең. Ал ооз учунан эле адамдын көңүлүн жубатып, собулап айтылган солгун сөз эмес. Ал адамдын ал-абалынан кабар алуу максатында ага суроо иретинде берилген да сөз эмес. Ал – адамга кадимки күү-деми, күч-кайратынан тайбай, кайгы-капага жеңдирбей, куунак көңүлдө, узак өмүрдө жашашын каалап, чын дилден айтылган угумдуу, жугумдуу саламтилек сөз. «Бар болуңуз» деген жоопто адамдын ал-абалы кандай болбосун, ал үчүн башкысы – бар болуудан, башкача айтканда, тирүүлүктөн өткөн дөөлөт жок экендиги таасын туюнтулган. Бул – кыргыздардын адам парасатын артыкча баалап, бөтөнчө бийик койгон адамгөй, жапакеч эл экендигин далилдеген нарк-насилинин бир гана мисалы. [27, 41]

Турмушта бири бирине жакшы каалоолорду, ак тилектерди билдирүү, ак бата берүү да адамдар ортосундагы адамгерчилик мамилелерди чыңдоочу салттардын бири. Адатта кыргыздар тамактанып жаткан адамдардын үстүнөн чыкса салам айтуу менен кошо «…тамагыңыздар таттуу болсун, ичтейиңиздер ачылсын» – деп каалоо айтышат. Мындайда тамактанып жаткан адамдар «…сиз менен кошо болсун» – деп аны кошо тамактанууга чакырат. Деле элде турмуштун кандай гана кырдаалы болбосун ага ылайык салттуу каалоолору бар. Атсыз кишилер атка жетсе «Аягың улансын» деп куттуктаган. Малды төлдөп жаткандын үстүнөн чыкса «Баа берген төл берекесин көр» деп тилек айтуучу. Бир киши жаңы кийим кийсе «Кийгениң – күзгө, өзүң жүзгө жет» деп айтышчу. Дыйкан бышкан эгин орсо, ага «Орум көбөйсүн» деп тилек айтчу, кол кабыш этчү, кырмандан кызыл сузса, «кырманга береке» деп кол кабыш кылчу, бир киши жолго чыкса, ага «Ак жолуң ачылсын», «жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун» деп каалоо айтышчу. Эгер анын аты начар болсо, ага өз атын миңгизүү, тону начар болсо, «Бөлөк элге баратасың үстүң жаңы болсун» деп өз тонун кийгизүү, элдик баалуу ырасым салтары болгон. Мындай салт жөрөлгөлөр, албетте кыргыздардын инсан аралык мамилелери терең адептик мазмунга ширелгендигинен кабар берет. Ал эми жакыны өлгөн адам менен жолукканда «кайрат кыл», «артын берсин», «арты кайырлуу болсун», «жаткан жери жайлуу болсун», «арты той болсун» деген сөздөр менен кайрат айтышкан. Көчүп бараткандарды «көчүң байсалдуу болсун», «улоо бели бек болсун» деп алкашкан, бата бергенде «көчүң узарсын» дешкен.

5. МЕЙМАНДОСТУККА ТАРБИЯЛОО

Кыргыз эл педагогикасында бардык курактагы адамдарды адамгерчиликтин бийик үлгүлөрүнө үйрөтүүнү көзөмөл туткан нагыз улуттук төл салттарынын бири бул меймандостук болгон. Чын-чынына келгенде, бул салт аркылуу кыргыз улутунун тигил же бул өкүлүнүн жүрүм-турумундагы нагыз улуттук дөөлөттөрдүн трансформациясын же деформациясын айкындоочу негизги фактор болуп эсептелет.

Кыргыздарда үйүнө келген жакын тууганыбы же чоочун адамбы алардын баарын ылгабай ачык көңүл менен тосуп алып, дасторкон жайып узатуу салтынын өтө кеңири таралышы жана улуттук салтка айланып кетиши алардын өткөндүгү көчмөндүк жашоо турмушунун өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланыштуу болгон. Айыл-айылы менен көчүп жүргөн кыргыздар тышкары дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан сырткары турушкан. Алар үчүн айылдап, тууганчылап келген адамдар же кокустан келип калган жолоочулардын маеги ар түркүн кабарлардын, маалыматтардын булагы болгон. Экинчиден, азыркыдай ашканасы, рестораны, буфети жок жайлоолордо, ээн талаада, эрме чөлдөрдө жолуккан жолоочуга көрсөткөн көчмөндөрдүн андай сыйы миңдеген кылымдар бою кайталанып, муундан муунга өтүп олтуруп туруктуу элдик салтка айланган. Чыныгы меймандостук эки тарапка-мейман болгон кишиге да, конок күткөн адамга да пайдалуу болгон. Ак пейил, жогору адептүүлүк менен конок күтүүнүн мааниси бир гана меймандын көңүлүн көтөрүп, анын үй ээлери жөнүндө жакшы ойдо калуусу менен чектелбей коноктун да, конок алгандардын да адамгерчилигин, адептүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө болгон. Эгерде мейман менен үй ээлери ар башка улуттардын өкүлдөрү болушса анда меймандостук эки элдин достугун бекемдеген.

Кыргыздарда «Ар бир конок өз ырыскысы менен келет», «Үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет» – деген ишеним бекем болгондуктан, астананы аттаган ар бир адамды атайын кадырлуу мейман катарында кабыл алышып, колдо болгон тамак-ашын аябай, сыйлап, урматтап узатышкан. Ошондуктан коногу үзүлбөгөн үй «куттуу үй» деп аталган, ал эми адамдарга сый ызаат көрсөтүү жагынан ачык мүнөз, берешен адамдар журт ичинде эле эмес андан алыс жактарда да чоң кадыр-сыйга ээ болушкан. Кыргыздар тамак-ашын жалгыздап жегендерге ырыс жуушпайт деп, жада калса жөн эле өтүп бара жаткан адамды да үйгө чакырып, кымыздан же нандан ооз тийгизүүгө аракет жасашкан. Ошондуктан боз үйдүн эшигин дайыма ачык коюшкан. Ал эми үйүнүн астанасын эч ким аттабай, көптөн бери конок келбей калган адамдар мындай абалда кадыресе санаа чегишкен.

Атактуу кыргыз акыны А. Осмоновдун «Бизге түнөй кет» деген ырында дал ушул акыйкат ырасталат:

«Көңүл капа, башым туман кеңгиреп, Үч күн болду бизге мейман келе элек.

Жолоочунун бул кандайча шылдыңы

Даамы жоктой,

Жеген токоч, жеген эт,

Сыйлап берер белен кыргыз даамы бар,

Эй жолдош,

Биздикине келе кет». [58, 180-бет.]

Адатта башка улуттун өкүлдөрү кыргыздар тууралуу кеп кылганда биринчи кезекте алардын меймандостугун артыкчылык катары атайылап айырмалап, бөлүп көрсөтүшкөн. Буга байланыштуу атактуу кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун апасы Нагиманын Төрөкүл Айтматовго турмушка чыгаар алдында атасынын бата берип жатып эскерткени өзгөчө кызыгууну туудурат. Атасы «Биз кыргыз туугандардын арасында жашап келе жатабыз. Өзүң да ушул элдин ичинде чоңойдуң. Апаң экөөбүз сенин күйөөгө чыгышыңа, жактырган жигитиң менен кол кармашып, бактылуу өмүр сүрүшүңөргө макулбуз, экөөңөргө ак бата беребиз. Сага бир гана суроом бар. Ошого өз оозуңдан жооп уккум келет. Кыргыздар тууганчыл калк болот. Туугандарын аябай сыйлашат, урматташат. Бири бири менен катташып, учурашып турушат. Эрте-кечине карабай топурашып келе бермей адаттары бар. Силердикине келген күйөөңдүн туугандарын көңүлүң жарык бойдон жүдөбөй кабыл алып, сыйлап, меймандап, аларды ыраазы кылып узатып көнүүгө жарайсыңбы кызым? – деди атам. [22, 30)]. Мындан даанышман, кыраакы атанын кыргыз үй-бүлөсүндө тууган аралык карым катышты бекемдөөдө аял затынын жоопкерчилигинин жогору экендигин даана баамдап, өз кызын ошого татыктуу болуу жоопкерчилигин артып жаткан насаат таалимин көрүүгө болот.

Кыргыз элинин меймандостук салты алардын арасында болгон илим билим адамдарынын эч бирин кайдыгер калтырган эмес. Буга байланыштуу айрым даректүү маалыматтарга кайрыла кетели. 1845-жылы белгилүү орус географы П.П.Семенов-Тянь-Шанский: «Мен кара кыргыздар меймандостук салтына ыйык мамиле кылышаарына терең ынандым», – деп жазган. Орус элинин дагы бир көрүнүктүү географы А.П. Федченко 1868-жылы Памирдик кыргыздарда болуп Дарауттан (азыркы Чоң Алай районунун борбору) кетээрде көргөн сыйын минтип жазып калтырган: «…Мага баалуу белек кылышты, сый көрсөтүштү. Бир жылдык топоз беришти… Топозду Бак-Бач деген жайлоодон алып келишти… Аны сойбой, Ташкенге алып кетүүнү чечтим». Чындыгында, меймандостук салты кыргыздарда адамдардын алака-катышы менен рухий керектөөсүн канааттандыруучу өзгөчө феномен. [54, 5]

Кыргыздардын меймандостук салты башка улуттук салт жөрөлгөлөргө салыштырмалуу Совет мезгилинде да өз маанисин жоготпой муундан муунга трансформацияланып келген. Бул жөнүндө 1966-жылы белгилүү немец журналисти Клаус Вейзе «Берлинер цайтунг» газетасынын бетинде мынтип жазган: «Бир чыны чай дейсизби? Мейли ичсе ичели макул болдум… Мында бир чыны чай менен бүтпөйт экен. Бир чыны чайдын нары жагында бүтүндөй салтанаттуу чоң сый-беш бармак болот турбайбы». [35]. Ал эми 1968-жылы Ю.Бычков «Советская культура» газетасынын бетинде минтип жазган: «Кыргызстан адам мамилелерин, маданиятынын практикалык сабагын алууга туура келди. Мындай сабакты эч кандай басма сөз куралы алмаштыра албасына бекем көзүм жетти, ошондой болсо да, Кыргызстан калтыраган таасирдин эң башкысы жөнүндө анын элинин меймандостугу жөнүндө айтпай кетүү мүмкүн эмес». [20]

Көчмөн кыргыз коомундагы меймандостук салтынын негизинде адамдар менен алака катышты бекемдөө, адамдарды сүйүү, алар үчүн камкордук жасоого аракет кылуу сыяктуу гуманисттик баалуулуктар жатат. Бул жөнүндө атактуу орус окумуштуусу В.В.Радлов да өзү күбө болгон бир нече фактыларга таянуу менен «кыргыздар өтө эле меймандос, улуулардын меймандостугу улам кийинкилерине адамды сыйлоонун үлгүсү катары берилип келе жатат» – деп жазган В.В.Радлов. [60, 13]

Мурда эле эл ар кыл меймандарды күтүшкөн: кызкыркын, куда-сөөк, дос-тамыр, таяке-жээн ж. б. коноктордун эң сыйлууларына эң жогорку сый көрсөтүлгөн.

Булардан башка «кудайы конок» дегендер да болгон. Жол жүрүп бара жатып, чарчаган жерден аттын башын бура тартып каалаган үйүнө кирип кудайы конок болууга ар бир адам акылуу болгон. Мындай шартта келген коноктун улутуна, динине, тилине карап ылгап мамиле кылууга элдик салт жол берген эмес. Тескерисинче мындай конокту кыргыздар жогору баалашкан. Аны кудайым өзү жибергендей, кызыралекимсалам түнөп кеткендей сезишкен. Колунда бар-жогуна карабастан ал адам үчүн кам көрүп, аны сыйлап узатуу элдин ыйык милдети болгон. Бул салт бир жагынан кыргыздардын адамдарга карата сый ызааттуулугунун ченемсиз чексиздигин билдирсе, экинчи жактан кыргыз жерин аралап кезген ар кандай адам, азыксыз, камкордуксуз калбастыгынын кепилдиги катары кызмат кылган.

«Конок айттырып келбейт» – дегендей, коноктор үй ээси жокто келип калган учурлар да болгон. Мындай учурда балдар ата-энесинин үйдө жогун билгизбей сый-ызаат көрсөтүүгө аракет жасашкан. Бул жагдай балдардын тарбия көргөндүгүн салтты билгендигин адам катары жетилгендин сыноочу өзгөчө кырдаал болгон. Айылчылар үй ээсин гана эмес, анын бала-чакасын да сындан өткөргөн. Үй-бүлөнүн жакшы жактары болсо, сөздүн ыгы келип калса, өрнөк катары элге айтып тааныткан, кемчиликтери болсо, ошол эле замат сынга алышкан. Жаш aдамдардын өзүнө жубай тандашында, ата-энелердин куда-кудагый күтүүсүндө мындай пикирлердин мааниси өтө чоң болгон.

Чындыгында эле, балдар инсан аралык ызаат сый мамилеге үйрөнүүнүн көп кырдуу мектебинен дал ушул мейман тосуу, узатуу, мейманда өзүн коомдо кабыл алынган эреже, ырасым, жөрөлгөлөрдү аткарууга тикеден тике аралашуу аркылуу өтүшкөн.

Кыргыздарда айрыкча алыстан күткөн конок келээр алдында үй-бүлө мүчөлөрү арасында алдын ала даярдык көрүү, кеп-кеңеш салышып милдеттерди бөлүштүрүшкөн. Бул кеңештин бул ишке көнүгүү, тажрыйба алуу этабын баштан кечирип жаткан балдар үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон.

Балдарга эң обол конокту ойдогудай тосуп алуу бул үй-бүлөнүн, айылдын, уруунун намысы менен тете иш экендигин, конок тосуу демек, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ачык көңүл, кенен пейил, кенен дасторкондуулугун баамдатуу экендигин түшүндүрүшкөн. Анткени, эл коноктун бир милдети үй ээсинин кишилигин дасторкон аркылуу сын электен өткөрүү деген түшүнүктө болгон. Мейман ыраазы болсо «Жайыл дасторкон», «Кең дасторкон келбери неме», нараазы болсо «Дасторкону кууш», «Куу казан», «Анын казаны толук кайнабайт» – деген пикирлер жаралган. [4,80]

Балдарды мейман тосууда дасторкондон башка адеп наркты талап кылуучу ырасымдарга да кылдат үйрөтүшкөн. Кыздар үй ичиндеги иштерди аткарышкан. Ушул сыяктуу жумуштарды аткаруу менен балдарга адамдарды урматтоо, конок күтүү жөнүндөгү улуттук салттын эрежелерин үйрөнүүгө шарт түзүлгөн. Бул мезгилде салтанатка катышкан тестиер балдарга улуу адамдар иштерди бөлүштүрүп берип, иреттүү иштөөлөрүн көзөмөлдөп турушкан. Кимде ким балдардын ичинен өз милдетин жакшы аткарса, аны башкаларга улгү катары көрсөтүп, даңазалаган.

Балдарга конок тосуу процессинде адамдарды урматтоого үйрөтүүнүн эң эски нарктуу жолунун бири меймандардын алдын ала тосо чыгып, салам айтып, аттан түшүрүү. Бул жөрөлгөнүн да атайын эрежелери болгон. Конокторду көзгө көрүнгөн окчунураак жерге чейин тосуп чыгышат. Атынын чылбырын тизгин менен суулуктай кармап, сол колтугунан кармап жерге жеңил түшүшүнө жардам этип, андан соң аты атайын жооптуу ат жайлоочуга тапшырылат. Көпчүлүк учурда бул ишти да даярдыгы бар балдар дилгирлик менен аткарышкан. Улуулар балдарга меймандын атын жайлоо, меймандын өзүн сыйлоодой эле өтө аяр мамилени талап этээрин эскертип турушкан. Ишти кам же туура эмес жасап айың кепке калбас үчүн «Ат жайла десе бир зөөкүр – Кемчонтой меймандын атын мууздап салып, «атты жайлап койдум» – деп эшиктен шымалана кирип келиптир» – деген ылакап шакабаларды да кыстара айта кетүүнү унутушкан эмес.

Балдарга меймандарды достук дасторкон үстүндө сыйлоо жөрөлгөлөрү да атайылап үйрөтүлгөн. Аларды төмөнкүдөй тартипте мүнөздөп көрсөтүүгө болот:

  • Меймандар барда чектен чыгып чурулдабоо.
  • Чыны кесени, улуулатып оң кол менен же кош кол-доп сунуу.
  • Меймандардын кыймыл аракетине сергек болуу же мезгил – мезгили менен «Алып, жеп олтуруңуздар» – деген өтүнүчтү кайталап туруу. Чай ичкен чынылардын бошогондоруна сергек баам салуу.
  • Меймандар алдында кандайдыр бир сар санаа ишти эстеп көңүл чөгөрүңкү абалда болбоо.

Бул конокторду жактырбоо катары кабылданган. Ошондуктан конок тосуучулар айрым учурда меймандар тараптан олдоксон жосундарын да көтөрүмдүүлүк менен кабыл алып, өзүн калбаат кармоого мажбур болушкан. Бирок, жайыл дасторкон үстүндө башкаларга сөз бербей чакчаңдап, чатак чыгаруучуларга «Дасторкон үстүн сыйла», «Жаман үйдүн коногу бийлейт болбогулачы», «Түндүк кимдики?» – деп эскертүү берилген.

Айрым учурда үй ээсине алыстан кайгылуу кырсык тууралуу кабар келсе да меймандарды узатканга чейин билдирбөөгө аракет кылышкан. Буга байланыштуу эл ичинде төмөнкү икая көп айтылат. Илгери-илгери бир күнү узак жол жүрүп чарчашкан чет жерлик саякатчылар жол боюндагы боз үйгө кирип калышат. Анын ээсинин жалгыз уулу өлүм алдында жаткан экен. Бирок, ал меймандардын маанайын чөктүргүсү келбей, өз кайгысын билдирбейт. Аларды чоң боз үйгө киргизип, жылуу жүз менен конокторду сыйлап, маектешип, комузда шаңдуу күү ойноп берет. Убактысын таап ал бир азга өлүм алдындагы баласы жаткан кошуна боз үйгө барып, анын үзүлүп кеткенин билет. Байкуш атанын жүрөгү кайгыдан кысылса да, ал тышынан билдирбей, коноктор менен аңгемени улантат. Эч нерседен шек санабаган меймандар коштошоордо аны дагы бир жолу комуз чертип берүүсүн өтүнүшөт. Бул жолу комуздун үнү кайгылуу сыздайт. Аны угуу менен меймандар үй ээси жакшы көргөн адамына кошок кошуп жатканын түшүнүшөт.

Балдарга мейман тосуу гана эмес мейманда өзүн кандай алып жүрүү жөрөлгөлөрү, адаттары да атайылап үйрөтүлгөн. Анткени, конокто же башка бирөөнүн үйүндө мейманда өзүн татыктуу кармоо жөрөлгөлөрү да татаал болгон. Дасторкондун четинде отуруунун, сунулган тамактардан даам сызуунун тартибин жакшы билбеген адам айылчылап барып, жаңылыш кыймыл аракеттер жасаган болсо, сүйлөгөн сөздөрүнүн маани-маңызы тайыз экендиги байкалса, уятка калып, шылдыңга кабылган. Ошондуктан, айылчылoo үчүн да турмуштук даярдык, салт-санааны, адеп-ахлак нормаларын билүү керек болгон. Айылчылап келген адамдын кыймыл-аракети, адамдарга жасаган мамилеси өз ордунда болуп, өз боюна тыкан, сүйлөгөн сөздөрү жугумдуу болсо, үй ээси жана анын жакындары тамшанып кеп кылышкан жана аны жаштарга өрнөк катары көрсөтүшкөн. Кыскасы, айылчылап келген адамдарды күтүп алуу канчалык жооптуу болсо, айылчылап чыгып, бирөөнүн үйүндө конок болуу да ошончолук жооптуу болгон. Конокко балдарды ээрчитип барууну кыргыз салты четке каккан эмес. Кыргыз коомунда конокту ээрчип келген балдарды жактырбоо жат көрүнүш болгон. Тескерисинче, конокторду ээрчип келген балдар да көңүл буруунун борборунда болгон. Элдик ишенимдерге ылайык «Жаш балдардын үйдөн кур чыкканы болбойт» – дешип үстүнө бир нерсе кийгизип же башка белек берип чыгарышкан. Ал эми балдардын «Бешикке салуу», «Тушоо кесүү» тойлору жаш балдардын көп катышканы менен көркүнө чыккан. Мындай тойлорго бир аял бир канча бала ээрчитип барса да, эч ким эрөөн көргөн эмес. Көчмөн кыргыздар коомунда өз баласынан тышкары туугандарынын же кошунасынын балдарын да ээрчитип бара беришчү. Үй ээси бул кимдин баласы дебестен бардык балдарга бирдей көңүл буруп, жылуу мамиле кылуучу. Ушул учурларда балдар конокто өзүн кандай алып жүрүү, тамакты кантип ичүү, кайсы орунга отуруу, өзүнөн улууларды сыйлоо, үй ээсине ыраазычылыкты кандайча билдирүү сыяктанган салтка ылайык адаттарды үйрөнүшкөн.

Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинде Момун карыя өзүнүн тутунган ишенимдерине ылайык небересине мейманда өзүн кандай кармоонун төмөнкүдөй талаптарын түшүндүрөт: конокко барганда баары менен кол алышып учурашуу; сылыктык кылып улууларга биринчи кол берүү; киши менен учурашканда кызырга жолукканын баамдабай калбаш үчүн башбармагын кармап учурашуу. Бул мисалдан кыргыздардын конокко баруу жана адамдар менен баарлашуунун баланын адам катары калыптанышындагы канчалык мааниге ээ экендиги тууралуу элдик педагогикалык көз карашты көрүүгө болот.

  1. КӨТӨРҮМДҮҮЛҮК, КЕЧИРИМДҮҮЛҮК, КЕҢ ПЕЙИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО

Көчмөнчүлүк жашоо образынын шарттары кыргыздарды башка бөлөк бөтөн элдердин маданиятын жерибей айрым бөтөнчөлүктөрүнө көтөрүмдүүлүк менен мамиле жасап, ыкчам ымалага келүү, ынтымактап жашап кетүүгө тарбиялоо салттарын бекемдөөгө негиз болгон. Кыргыз элине таандык бардык мурастарда алар тынчтыкты жана толеранттуулукту аздектеген элдер экендигин тастыктаган ойлор арбын учурайт.

Орток мурас катары таанылган Орхон жазууларында башка калктарга үстөмдүк кылып аларга зыян келтирбөө жөнүндө: «Калкты машакатка салып, зыян келтирбеңиздер» – деген осуят бар. Ал эми «Эр Табылды» эпосунда кызуулук менен калмак кошунуна кыргын салып жиберген жоокерлерин тыйып:

«Элдияр, Эрмек келгиле, Эрдиктин ишин билгиле,

Элге кылдык көп зыян

Эсиңерге салгыла» –деп, душманга карата да аёо менен мамиле кылып, башка элдерди азап кайгыга салуудан сактоого далалат жасап, жоокерлердин башчысы болгондугуна карабастан, өзүнүн тынчтыкка умтулуу ниетин, адилеттүүлүгүн билдирет. Махмуд Кашгаринин «Дивани-лугат-ат-түрк» сөздүгүндө да толеранттуулукка байланыштуу түрк элдеринин түптүү көз караштарын чагылдырган «Башкаларга кара мүртөз мамиле жасаган ичи тар адамды» калк кабыл албайт, «ак көңүл» адамдардын аты эртеңки күнү да унутулбай турганы эскертилет [51, 250 ]. Ушул багыттагы баалуу кеңеш нускалар «Өч кол менен алынчу буюмдай туюлат, бирок сен андан алыс бол; конокко да, бейтааныш адамга да күчүң жеткенче жакшылык жаса» [51, 44], «Жакшы адам келсе кут, жаман адам келсе жут», ак көңүл адамдар менен мамиле жаса, жамандарга жанашпай, алыс бол; ак көңүл адам мунун баарын көтөрөт, бирок кара мүртөздөр сени тебелеп кетет» [51, 414] деген сыяктуу ыр саптарында ачык айкын берилет.

Махмуд Кашгаринин эмгегинде белгиленген «açukluğ»,

«akı», «bagırsak», «sun», «tüzün», «udhug könüllü er», «ukuşlug» сыяктуу сөздөр да толеранттуулукка тарбиялоо түшүнүктөрү менен тикеден тике байланышта турат. Açukluğ: мүнөзү оң [51, 147.], akı: колу ачык, берешен [51, 90], bagırsak: жароокер, мээримдүү [51, 60], sun: ак көңүл [51, 138.], tüzün: кең пейил [51, 414], udhug könüllü er: түшүнүктүү адам [51, 63.], ukuşlug: түшүнүктүү, зирек киши [51, 62.] деген маанини билдирет.

Кыргыз элинин «Кең болсоң, кем болбойсуң» – деген макалы кең пейилдик, толеранттуулук адамдардын эң ийги инсандык сапаттары катары бааланаарын тастыктайт. Чын-чынына келгенде, толеранттуулук башка адамдардын катачылыгына чыдамкай көтөрүмдүү мамиле жасоодон көрүнөт. Ошондуктан эл жаш муундарга «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбос» – деп эскертишкен. Дивани-лугат-ат-түрктө «Түтүнсүз от болбойт, катасыз жигит болбойт» – деген макал кезигет Кыргыз элинин дагы бир накыл кебинде «Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» – деп жаш муундарга адамдардын түрдүү пейил мүнөздөргө ээ экендиги табигый мыйзам ченемдүүлүк катары таанытылат. Ал эми «Эсери болбой эл болбойт» – деген макал эл журт арасында зөөкүр, ичи тар, орой-опуза адамдардын боло бере тургандыгын, «Кой аксагы тескеги менен миң» экендигин эскертет жана бул жагдайларга мыйзам ченемдүү нерсе катары сабырдуулук менен мамиле кылуу керектигин нускайт.

Айрыкча араздашкан адамдарды элдештирүүгө кайрадан ымалага келтирүүгө, «үзүлгөндү улоого» салым кошуу ар бир адамдын парызы экендигин эскертишкен.

Кыргыздар жаш муундарды тынчтыкты сүйүүгө тарбиялоо үчүн согуштун адамзат турмушундагы өтө оор трагедия экендигин таанытууга далалат жасашкан. Ошондуктан макалдарда «Эки баатыр эрегишсе, бирөө калат, бирөө өлөт», «Каяшачыл карыш узабайт» деп уруш жана жаңжаалдын апааты адамдын өзү үчүн трагедия экендиги эң эле таасирдүү айтылат. Ал эми «Манас» эпосунда калк карысы даанышман таалимчи Бакай Семетейди «Жаман тууган кагышат. Жай билбестер чабышат. Жарылган баш жабыгат, бир тууган кайдан табылат? Айрылса баш табылат, ага-ини кайдан табылат?» – деп ортодогу пикир келишпестикти акыл менен чечүүгө чакырат.

«Манас» эпосу боюнча кыргыздар үчүн башкалардын жерине, байлыгына көз артып басып алуу жат көрүнүш:

Үйдө жатып эл бакмак,

Бастырып келсе жоо алмак

Баатырдыктын белгиси

Кагышып жүрүп мал тапмак,

Кара өзгөйдүн белгиси [23, 87]

Ошентип «Манас» эпосу тынч жай турмушта эмгек менен эл бакмактан артык эрдик, баатырдык жок экенин, ал эми башка элдердин көз жашынан бактыга жетүү ниет, пейилдин бузуктугу экендиги тууралуу жалпы адамзатка сабак болоор осуят калтырган.

Эпостон согуш жана ага байланышкан иш-аракеттер кыргыздар тарабынан адамгерчиликтин, гумандуулуктун чегинде жүргүзүлгөндүгүн айгинелейт. Алсак, согуш убагында колго түшкөндөргө кордук көрсөтүп залал кылбоо, жаралууларга жардам берүү, кечиримдүү кең пейил мамиле жасоо салты болгон. Мисалы, «Манас» эпосунда Манас баатыр Маңгулдарды талаган Нескараны жеңет, бирок, колго түшкөн 6300 аскерди өлтүртпөйт, байлыгын талатпайт. Алдына ат, үстүнө тон кийгизип элиңерге ынтымакты сүйгөн кыргыз эли жөнүндө айта баргыла деп айтат. Анын акыйкаттыгына баш ийип көптөрү кыргыздарга кошулуп эл болуп калат. Тарыхка назар салсак көчмөн кыргыздар коомунда жазалоонун формасы катары оор күнөө кылгандарды жазалоонун дарга асуу, зынданга салуу сыяктуу катаал формалары кеңири жайылган эмес.

Эң оор жаза кун төлөө салтттары болгон.

«Манас» эпосунда жеңилген элдердин байлыгын талап-тоноо да чектелген. Бакай келишпес жоокерлерди душмандар менен согушта жеңишке жетишкен учурда да «Союштан артык албаңар, бүгүн душман эртең эл, бүлүндүрүп салбаңар – деп, «канга кан» – деген өч алуу, олжолоо, жазалоо, талап тоноого багытталган салттардан оолак болууга чакырат.

Ал эми Бээжинде Манас жеңилген элди аёо, аларды жабыркатпоо үчүн «Кара аскерди базарга, койо бербе бекер деп, Өөдө төмөн иш өтсө, Каласың менден кекээр жеп, Жууса кеткис жаман ат, Ээрчип алат бекем» – деп жоокерлерди элдин ариетине доо кетирээр жосундардан сак болууга буюрат. [23, 464]

Манастын ою боюнча байыртан элдин элдигин аныктап турган адамгерчиликтин салттарын сактоо, карапайым адамдар үчүн да «кара аскер» (күчтүү, кубаттуу жоокерлер) үчүн да бирдей талап. Ошондой гумандуулугу үчүн жеңилген тараптар «Ушул биздин бак үчүн, Кыргыздын эли келгенби?» – деп душман болсо да ыраазычылыгын билдирүүгө мажбур болот. [23, 464 ]

Ошондой эле «катын-кызга катылба, жолго зыян» – деп карысы жашын жемелеп, терс ишке жолотпой кайтарып туруу ж.б. көптөгөн эпосто дайым кайталанып айтылуучу көрүнүштөр жана кыргыз баатырларынын баатырдык наркты катуу сактап, согуштук аракеттерди да, кармаш-күрөштөрдү да адилет, алдоосуз жүргүзүшү ж.б. көптөгөн фактылар эпостун мазмунунда орчундуу орун ээлеген.

Кечиримдүүлүккө, кең пейилдикке тарбиялоо. Кыргыз элинин салттуу тарбия маданиятында башкалардан жабыр тартсаң да сабырдуулук, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк менен жооп кылуу адамдагы эң башкы сапаттардын бири катары ачыкталат. Буга байланыштуу кыргыздарда кечиримдүүлүк сапаттардын максимализмин чагылдырган «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер», «Таш менен урганды аш менен ур» – деген макалдар бар. Ал эми ар кандай жасалган жамандыкка карата ачууга алдырбай, аны жасаган адам өз айыбын, жаңылыштыгын түшүнмөйүнчө салкын кандуулук менен каарданбай, акылдуу мамиле жасоо ар бир адамга таандык сапат болушу керектиги белгиленет. Бул баалуулук кыргыз тилиндеги «Сабырдын түбү сары алтын», «Ашыккан (сабырсыз) калат уятка/ Сабырдуу жетет муратка» «Ачуусу чукул айыпка жыгылат», «Ачуу душман акыл дос» деген макалдарында бекемделет.

Кээ бир кыргыз макалдарында жаштарды жамандык жасаган адамга да жакшылык менен жооп берүүгө тарбиялоо ошол нук менен калк арасында кең пейилдиктин чектерин кеңейтүү идеясы бекемделет: «Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши». Дагы бир макалда бул калк нускасы: «Жакшылыкка жамандык ар кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык кем кишинин ишидир, жакшылыкка жамандык көр кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык эр ишидир» – деп жамандыкка жамандык менен жооп берген адамдын өзү да жаман адамдан айырмасы жок кем адам катары сыпатталат.

Демек, жамандыкка жакшылык жасоо акылмандыктын, бийик рухтун, эрдиктин белгиси. Турмушта алысты болжоп коомдук турмушка жакшылыктын үрөөнүн себүүгө умтулгандар дал ушундай даанышмандар болгон. Бул элдик адептик эрежелер макалдарда гана катталбастан элдик эпостордо катталып турмушта кадыресе жетекчиликке алынып келген. Кыргыздардын кечиримдүүлүк салттары жөнүндө сөз болгондо Кененсары менен кыргыздардын ортосундагы согуштан кийинки бир окуя тууралуу айта кетүү зарылдыгы бар. Казактын Кененсары ханы кыргызды чаап алам деп келип, Ормон хандан колу талкаланып өзү иниси Ноорузбай экөө колго түшүп калышат. Ошондо кыргыз жакшылары чогулуп «Казак кыргыз бир тууган эл элек. Кененсары туура эмес иш кылды, эки элди чабыштырып, ошондо да тукуму хан, башын аман коюп, экөөнө эки кыз тартуулап, ат миңгизип жөнөтпөйлүбү. Эки элдин ынтымагы үчүн» дешет. «Эртең кол курап келип кайра чабышса кантебиз» дегендер чыгат. Ошондо экөөнө эки койдун башын тарткыла, кандай жейт көрөбүз дешет аксакалдар.

Ноорузбай баштын бир көзүн ыргытып, бир кулагын кесип туруп ооз тийбей жылдырып коет. Башты көргөн аксакалдар, аттиң болбой калды. Булардын ичинде кеткис кеги бар экен. Бири «Аман болсом мурдуңарды кесип, кежигеңерди тилем» десе, экинчиси: «Көзүңөрдү оюп, кулагыңарды кесермин» деп жатпайбы. Биз кечиришели деген менен булар болчудай эмес» деп тыянак чыгарышкан.

Буга байланыштуу атактуу Шабдан баатырга тиешелүү мындай бир окуя жөнүндө эскере кетүү да орундуу. Кыргыз урууларынын ичинен сарыбагыштар менен бугулар ортосундагы Ормондун өлүмүнө байланыштуу окуянын ачуусу таркабай турган учурлардын биринде Караколго эки уезддин тобун өткөрүү үчүн Шабдан Караколго барып калат. Шабданга кекенген Чыныбай жана Кыдыр аттуу бийлери коноктоонун ордуна Солтобай аттуу акынына коштуруп кордотот. Соңку жылы топ Шабдандын жеринде Карабулакта өтүп жаткан учурда ал өз жамаатынан чыккан Шамен аттуу даанышман карыянын кеңеши менен өзүнө кордук көрсөткөндөргө жооп кылып кордук көрсөтүүнүн ордуна алдына ат мингизип, үстүнө чапан жаап сый көрсөтөт, кун куунун дабасын тынчтык менен бүтүрүп айкөлдүк кылат. Бул сөздү Көл башына барганда, Чыныбайдан, Шабдандын кандайча конокко чакырганын сураганда, башка сөз айтпай эле: «Шабдан кеменгер тура деп, бир сөз айтып туруп кетип калган» дейт [25, 57]. Ушундай кыргыз турмушунда миңдеп кайталанган нускалуу жосундар эл ичинде айкөлдүк салттарынын өнүгүшүнө өбөлгө болгон.

«Кылымдык тажрыйбаларга канык карыялар жаштарга кекти кечирүүнүн зарылдыгын төмөнкүчө түшүндүрүшкөн. «Кек алынат, бирок, кек кекти пайда кылат. Айкөлдүк менен басылган иш – айкөлдүктү пайда кылат. Буга байланыштуу Ч. Айтматов балалык турмушунан алган элдик педагогикалык сабакка токтоло кетели. Чыңгыз жалгыз апасы жана бир туугандары согуш жылдары оор турмушту эптеп кечирип жатканда жалгыз саан уйун ууру какшатып уурдап кетет. Чыңгыз колуна мылтык алып уурунунун сары изине түшүп өлтүрөм деп издеп бара жатса алдынан үстүндө эскилиги жеткен тери тебетей кийген ак сакалын жайкалтып, төрт буту жерге тийип-тийбей тыпырап баскан эшек минип келаткан бир кембагал бечара карыптай мискин чал алдынан чыгат. Касиеттүү карыя Чыңгыздын өч алуу үчүн жолго чыкканын уккан соң аны бул жолдон кайтаруу үчүн төмөнкүдөй акыл айтат: «– Сени түшүнүп жатам, уулум, ушу абалыңа аябай кайгырып, кандай шартта экениңди билип турам. Мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Yйүңө кайт! Бу жашоодо ушундай наамарттыкка баргандар сөзсүз жазасын алат. Бул сөзүмө ишен. Жаза ар дайым аны менен кошо жүрөт, кошо жатып, кошо турат. Бирок, сен үйүңө кайтып, ууруларды өлтүрүү тууралуу кайра ойлонбосоң гана акыр аягы бактылуу болосуң. Бакыт сени өзү эле издеп таап келет. Сен мени жөн эле сүйлөп жатат деп ойлобо. Бир учур келгенде менин бул сөздөрүмдү эстеп, туура айтканымды билесиң. Yйүңө кайт, каралдым! Апаңа да ушуларды айта бар. Мен да өз жолума түшөйүн. Сага бирөө кандай жамандык кылса да, сен аны өлтүрүү тууралуу эч качан ойлонбо? – деди». [2, 58]. Чыңгыз Айтматов балалык курагында жолуккан ошол олуя сыяктуу карыянын осуятын бүт өмүрүндө бекем принцип катары тутунган жана анын көсөмдүк менен айткандары өзүнүн тагдыры менен тастыкталган.

«Баардык пикир келишпестикти тынчтык менен бүтүрүү шарт, тынчтык артынан тынчтык келет», «Жакшынын ачуусу бар – кеги жок», «Кеменгердин теңтушу бар – теңи жок» – деп нускап келишкен.

Изилдөөлөр кыргыз элинин жаш муундарды кечиримдүүлүккө, жакшылык гана кылууга тарбиялоо максатында дамамат айтылып келген «Таш менен урганды аш менен ур» макалы башка түрк элдеринде да бирдей эле мааниде колдонулуп келгенин көрөбүз. Эң башкысы – мааниси гана эмес лексикалык курамы, синтаксистик түзүлүшү боюнча да айтаарлык айырмачылык байкалбайт. Алсак, казак элинде «Taspen urgandı aspen ur», Түркмөнстанда «Daş bilen uranı aş bilen ur» [68, 69], Кумук түрктөрүндө «Duşman seni aş bulan ursa, sen aş bulan ur (Душман сени таш менен урса, сан нан/аш менен ур)», Косовада «Kim sana taş atar, sen ona ekmek at» [69, 64] деген формада айтылат. Бул түшүнүктөр макалдарда да кеңири тараган: «Адашкандын айыбы жок, айланып үйүрүн тапкан соң/Ачылгандын айыбы жок, өзү көрүп жапкан соң», «Жакшыда кек жок, кекчилде тек жок».

Инсан аралык, калк аралык кечиримдүүлүктүн бийик үлгүлөрү «Манас» эпосунда көп кездешет. Алсак, эпосто айтылуу баатырлар өз ара түшүнбөстүктөн таарыныша кеткен Чубак менен Алмамбеттин айкөлдүк менен өз айыптарын мойнуна алып бири-биринин алдында кечирим суроо өрнөктөрү төмөнкүчө сүрөттөлөт: Сыргак «Башымды кессең мен мына, Канымды төксөң жер мына! Көгала түгүл Алаке, Сага башым тартуу деп, Бука тери чылбырды Мойнуна турду салынып. Аттан түшүп эр Чубак Алмаңды көздөй жүгүрүп, Тизеси жерге бүгүлүп, Эки колу боорунда, Көгаалы жетелеп, Күнөөмдү кеч деп тиленип, Алманбетке келди эми» [48, 195]. «Ыраазы болду Алмамбет, Ичинде калбай эч бир кек, ошондо айтат мындай кеп: Кандын уулу эр Чубак, Касиеттүү жан эле. Каачындын Бээжинге Караан кылып баргын деп, айткан кеби бар эле. Чалгынга жеке кеткеним , Чубакты кылып кабарсыз Ойлосом уят минткеним. Деп аттан түшүп түйүлүп, Сараланы жетелеп, Чубакты көздөй жүгүрүп, Камчысын салып мойнуна Күнөөмдү кеч деп Чубакка, Алмамбет турду жүгүнүп». Демек, өзүн өзү сын сыдыргыдан өткөрүп күнөөсүн моюндоо эр жигиттик кодекстин эң башкы эрежелеринин бири болгон.

«Манас» үчилтигинин Сейтек бөлүмүндө Күлчоро Сейтекке жедигер эли жана кечиримдүүлүк жөнүндө минтип айтат: «Кулунум, Сейтек, тилимди ал, Туюкту бузуп жол салса, Турбай душман кол салса, Караан болот, бел болот, Карааны бар жедигер Бизге акыры эл болот [71, 181]. Баштыгы акмак эмеспи, Баары журтта не жазык? Жок чатакка чатылба, Жедигер журтка катылба. Журт колкуган көл болор, Толкуган журттан айрылып, Эренге кандай күн болоор» [71, 182]. Сейтек Күлчоронун тилин алмак түгүл чоң атасы айкөл Манасча марттыгын көрсөтөт. «Жедигердин Баарысын, жашы менен карысын, Жетим жесир начарын Тегиз жыйнап алды эми, Казына оозун ачты эми. Калың кара көп журтка Сарып кылып чачты эми. Буттан алтын, кызыл зээр Толуп жаткан сан дүйнө Алган адам карк болду. Эр Кыязга караштуу Адырда жылкы алты сан Олжого кууп келди эми. Жетим жесир байкушка Үлүштүрүп берди эми» [71, 129-б.].

Эпостун сюжеттеринин биринде Манас менен согушуп, Көңтөй жеңилет. Эми кыргыздар калмактан көп жылдан берки ала албай келген кегин, өчүн алышы керек болучу. Бирок Манас айкөлдүк менен минтип айтат: «Койчу, тага, койчу деп, Элден талап олжо алган Эл башкарган улуктар. Калкты коргоп кул кылган Кан тактыда укмуштар. Карапайым тим элдин Кайсысында жазык бар? Калмак чаап үйүңдү, Жаккан отту өчүрдү, Сай-салаага көчүрдү. Ойлоп көр канча какшадың, Ок тийгенде жаткансың. Турмуштагы ачууну Туздан кыйын таткансың. Башыңдан өткөн ишиңди Ойлоп көрсөң болбойбу? Эси жоктор кордосо, Эстүү, Балта Жамгырчы Кой деп койсо болбойбу? Жаш балдарга теңелип, Жакшы болду дегенсип, Жараша чаап, Мал айдап, Ортого түшпөй ай-айлап, Аксакалдын иши эмес» – деп айкөл Манас жеңилген эзелки кек үчүн карапайым элди азапка салбай, тынч жашоо өткөрүшү үчүн айрым кызуу кандуу боордошторун тыйып айкөлдүгүн, кечиримдүүлүгүн көрсөтөт. Ал эми бир кезде ошол эле душмандардын зомбу зордугун эчен ирет өз көзү менен көргөн Сыргак да Манастын айкөлдүгү менен кечиримдүүлүгүн туура кабыл алат. Эпосто айтылгандай, ал «Жар чакырып эр Сыргак «Журтуна конгун калмак деп Жолсуз иш кыргыз кылбайт деп, Бээңди байлап ачытып, Арагың тартып жай жат» – деп аларды өз тиричилигин мындан ары тынчтыкта өткөрүүгө чакырык жасап Манастын айткан сөздөрүн ишке ашырат. Манастын мындай кечиримдүүлүгүнө калмак эли да ыраазы болот: «Манастыгы чын экен, айткан сөзү жөн экен. Кылымга бүлүк салуучу Кыргызы сыймык уул экен. Ушаласын улуктар, эл башкарчу бул экен. Болоттон соккон капканы Талкалачу эр экен. Букарада не жазык, биз деле канга гүлазык. Кыл дегенин кылганбыз, кылыч шилтеп турганбыз. Калың элге убал деп, качан колду тартканбыз?! Бул өңдөгөн жардыкты Айттырбаган паашабыз. Акылы тунук жан экен, Адилеттүү кан экен».

  1. ЫНТЫМАК ЫРАШКЕРЛИК, ДОСТУККА ТАРБИЯЛОО

Кыргыз эли «Ырыс алды ынтымак» – деп калайык калктын бейпилдиги, бардар бакубат турмушу эң обол ынтымак, ырашкерликте жашоонун кадырына жетип, жамааттык жашоо принциптерин ар бир адам тарабынан жетекчиликке алышынан көз каранды деп эсептешкен. «Манас» эпосунда эчен кылымдык турмуш сыноосунан өтүп, элдин коомдук жашоо турмушунун кодексине айланган, азыркы эгемендүү Кыргызстандын бүтүндөй элин тарбиялоо үчүн программалык күчкө ээ төмөнкүдөй жоболор бар.

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, башка элге кеп кетет. Жарылсаң ууру алуучу,

Жарылып калды кыргыз деп,

Жаманатты кылуучу. [46, 194]

Ымалага келе албай, ыркы кеткендерге «Төртөөң төбөдөгүнү аласың, алтооң алдыдагыны алдырасың» – деп эскертишкен.

Орхон – Енисей таш жазууларында байлык жана бийлик үчүн күрөш, эки жүздүүлүк, ичи тардык жана көрө албастык сыяктуу илдеттерге чалдыгып ынтымагы кеткен элдин эртеңи жоктугу тууралуу эскертүүлөргө арбын орун берилген.

«Эмгектенип куралган элибиздин курган мыйзамы ушундай эле. Түрк огуз бектери эшитиң! Үстүдөгү (төбөдөн) теңири баспаса, астыдан (алдыдагы) жер тилинбесе (жарылбаса), түрк журту (мамлекетинде) бийлигиңди ким арытат (жок кыла алат) эле! Түрк эли! (69) …өкүн көрө албастыгың үчүн, акылман каныңа, мамлекетиңе каршы болуп, өзүң жаңылдың (жаңылыштык кетирдиң), душман келтирдиң. …Каның суудай акты, сөөгүң тоодой жатты (жайылды), бек болгон уулуң (тукум, уругуң) кул болду, сулуу кыз балаң (эстеликте кыз уулуң) күң болду. Билбестигиң үчүн каган агам учуп кетти (өлдү)». [56, 137] . Белгилүү го, түрк калктарын бири-биринен ажыратып бөлүп таштоо, алардын түбү биргелигин таптакыр унуттуруу, ынтымагын ичтен ыдыратып бузуу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонуу тарыхта дайыма боло келген иш. Ошон үчүн жазууларда тарыхый тамырды сезип, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга» үндөгөн акыл кеңештер таасирлүү чагылдырылган. «А биз ичитышыбызды туткандай бололу. Жука нерсени топтогонго оңой болот, ичке нерсени үзгөн оңой болот, жука калың болсо, топтогондо алп болот…» [56, 67].

Калыгул олуя эл арасын өз ара пикир келишпестик, көралбастык, карасаноо сыяктуу кара чырмоок каптап турганда эл катары жашоо кыйын болоорун, өз уясын чокулап бузган канаттуулардай элди бүр түйүнгө бириктирип турган ар кандай түзүлүштөн да кол жууп калуу опурталдуулугун эскерткен:

Ырыс алды ынтымак,

Ынтымагың жок болсо,

Алдыңан таяр алтын так

Молдо Кылыч ынтымакты кыргыздардын салттуу көз түшүнүктөрүндөгү бардарлыктын символдору менен салыштыруу аркылуу бакубат жашоо кечирүүнүн өбөлгөсү катары караган.

Ынтымагы бар болсо,

Базары жүргөн чарбактай

Тил табышып турушса,

Бузулбаган каймактай. [53, 56 ]

Арстанбек ынтымак ырашкерлик эң обол өзү менен жанаша жашаган адамдар менен кадыр сый мамиледе болуудан башталааарын нускайт.

Бир туугандан кем эмес Бирге жүргөн айылдаш.

Тирүүлүктө агайын,

Бириңди-бириң кадырлаш. [66, 135]

Ал эми «айылга бүлүк чыр салган анткорлордун жайы кара жер» – деп, андай «эл бузар», «журт бузарлардын» эл ичинде болгонунан көрө кара жерде болгону жакшы деп өтө катаал өкүм чыгарат.

«Тууганына батпаган, душманына жалынат. Жакынына жакпаган, жат кишини жамынат» – деп Токтогул айткандай, эл адамдын адамдыгын обол өз туугандары менен ымалада жашоо абалына карап баалаган. Буга байланыштуу «Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт, өзүңдү жаттай сыйла, жат жанынан түңүлсүн» – деген макал дал ушул элдик-адептик кодексти чагылдырып турат. С. Иптаров адилет белгилегендей: «Ага-тууган тарбиясы аркылуу адамдын жарандык, моралдык-этикалык сапаттары калыптанып, башкы көңүл ар-намыс, туугандык ынтымак, биримдик сезимдерин бекемдөөгө бурулган. «Дос жакшы, миң достон бир тамыр, миң тамырдан бир сөөк, миң сөөктөн бир жаман тууган артык», «Туугандын азары болсо да, безери болбойт», «Туугандын урушу, торконун жыртышы», «Түбү бирге биригет, учу бирге айрылат», «Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт» – деген адептик нускалар адамды белгилүү бир туугандык-жамааттык топтун жүгүн көтөрүүгө тарбиялап, келечектеги олуттуу жаңыча инсандык, социалдык милдеттерди аткарууга даярдаган. [27, 64 ] Өз туугандарына кара санап, сый ызаат мамиледе жашай албагандар ишенимсиз адам катары эсептелген. Молдо Кылыч жаштарга тууган менен сый ызаат мамиледе болуп кадырына жетүү үчүн тиешелүү жоопкеричилик жана парыздарды орундата албаса жат адамдан айырмасы болбой калышы мүмкүндүгүн «Сыйлашпаган бир тууган, атасы жат башкадай» – деп эскерткен. Кыргызда тууган аралык ынтымакты бекемдөөнүн «боор матырыш» (батыруу) деген жөрөлгөсү бар. Бул жөрөлгөгө ылайык туугандар катташпай алыстап кетпейли дешип маал маалы менен бири бириникине келип жүз көрүшүп, атайын даярдалган дасторкон үстүндө ичке каткан сырларын тууганча бөлүшүп, сагыныч кусалыктарын таркатышкан, боорун батырышкан. Туугандарына каттоосу сейрек, карамы, кайрымы жок адамдар «таш боор» деп аталып, айланадагы эл журт ичинде кадыры болгон эмес.

Көчмөн коомдун шартында тууган аралык ынтымакка тарбиялоо балдарга мурасталган акыл керээз, таалим-тарбиянын өзөктүү багыты болгон. Балдарда тууган аралык сезим туйгуларды жакындатуу үчүн ага-ини, таеке-жээн балдарын бири бирине жакын мамиледе өстүрүүгө аракет кылышкан. Буга байланыштуу «балдар бири бирин жакындан таанысын», «алыстап кетпесин» – деп айылчылап барганда балдарды да кошо ээрчите барышкан. Айрым учурда тууганынын «балдар менен бирге ойноп жүрүп кетсин» – деген сунушу менен бир канча күнгө таштап кеткен. Элдик педагогикалык салттарга ылайык ата-энелер, жалпы жамаат балдарда «Бир атадан таркагандар» – деген сезимдерин өнүктүрүүгө өзгөчө камкордук көрүшкөн. Көчмөн турмуштун катаал шарттарында тууган аралык мамиле салттарынын күчтүүлүгүнөн улам бири-бирине өз ара жардам көмөк көрсөтүү кадыресе табигый турмуш мыйзамы катары кабылданган. Туугандар арасында жетим калган балдарды асырап алып өз балдары менен коюн колтук алыштырып кор кылбай багып, тарбиялап, эрезеге жеткиришкен. Эреже салттарга ылайык туура жолдон адашкан туугандарын текеберленип жолго таштап кетишпей эл журттан намыстанышып адеп нарк, ак жолго салууга аракет кылышкан. Туугандарына кайрымы жок адамдарды таш боор дешкен. Ушуга байланыштуу «Уй мурдун сасык деп кесип салбайт» – деген макал бар. Бул макал адеп наркы жагынан бир үй-бүлөдөн чыккан уялаштардын баары эле бирдей болбойт. Кеп кулк мүнөзү начарларын жерибей, пейилин, жүрүм– турумун оңдоп, тарбиялап адам катарына кошуу үчүн кам көрүү зарылдыгын милдеттендирген. Туугандар ичинде балдардын баш терисине баам салышып кантип тарбияланып, жетилип жатышканы тууралуу маселелер дасторкон үстүндө дамамат талкууланып турган. Айрым терс пейилдерди «Жоругуң жолдо калсын, бизден мындай чыкпады эле»! – дешип эскертүү беришкен. Бул жөрөлгөлөр бир журт, бир айылда жашагандар арасында да дайыма ишке ашырылып келген жамааттык тарбия салты болгон.

Кыргызда ага-тууган тарбиясынын принциптери катаал жана калыс болгон. Кандайдыр бир коомдук тагдыр чечээр маселеде өз тууганын сокур сезим менен сүрөмөлөө, колдоого жол берген эмес. «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» – деген макал дал ушундан калган. «Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» – деген макал тууган тууганынын жагымсыз жоруктардан арылып жакшы болушун каалап, бири-бирин катуу сындашып келгенин тастыктайт. Ушуга байланыштуу ХХ кылымда Жумгал өрөөнүндө жашап өткөн Байзак бийдин осуяттарын келтирүү орундуу: «Туугандын турпагы – алтын» – деген менен да мен бийлик ээси болуп турганда өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында. Алардын шарияттын, мыйзамдын жолун сакташы – туугандык парызы. Алар «Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» – деген сөздү менин наамыма айттырса, анын туугандыгына карабай, эл безер тетирлерин теске салыш шарият жолунда да, мыйзам жолунда да бийлик үчүн артык иш. Мен тууганымдын болушу эмесмин, элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган элге калыс боло албайт. Байзак Байзак болуп турганда абакка салган деп айрымдар кеп кылышаар. Очо менен Төрөгө болгон элдин көңүлүндөгү ызасын, көкүрөгүндөгү дартын гана кетирдим» [52 67–68].

Кыргыз эл педагогикасынын булактары болуп эсептелген макалдарда, жомоктор менен дастандардын баарында башка улуттар менен эл болуп ынтымак ырашкерликте жашоо кечирүү зарылдыгы эң өзөктүү баалуулук жана нуска катары ачыкталган.

Айрыкча түрк элдеринин өз ара ынтымак ырашкерликте жашоого умтулуу, тарыхый тамырды сезүү, түрктүн өзүн өзү аңдап түшүнүү (тюрское самосознание) боюнча тарыхый-педагогикалык сабактары «Манас» эпосунда да түйүндүү идея катары калыптанган. Дастанда адамдар өздөрүнүн түбү теги ким экендигин, кимдер менен боордош канатташ экенин эсинен чыгарбай алар менен бирдикте болуу аракеттерин чагылдырган саптар жыш кездешет.

Манастын атасы кан Жакып мындай дейт;

Анжиян менен Алайга Атайын кабар салайын. Ага-инимдин баарысын Башын кошуп жыяйын.

Кашкар деген кыштак бар

Кабак-Арт менен Сары-Колдо

Кабырга тууган кыпчак бар. [48, 13]

«Манаста» кыргыз баатырлары, Кыргызстан Көкчөсү, Түркмөндөрдүн Музбурчак, Өзбектердин Санжыбек, Каракалпактын Бердике, бир атанын балдарындай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып, кыйын кезде ийгилик, жеңиш үчүн ынтымак жана коопсуздук үчүн эриш аркак аракеттенишет. Ынтымактуулук, достук, жолдоштук, боордоштук баарыдан мурда Манасты ар кандай күрөштөрдө жандап, кастарлап жүрүшкөн кырк жигитке да мүнөздүү. Алардын көпчүлүгү ар кайсы улуттардан, элдерден уруулардан болгон. Алардын ичинен биз кыргыз, казак, өзбек, тажик, татар элдеринин өкүлдөрүн кезиктиребиз. Мисалы, эпосто «кыргыздардан Саламат, кыпчактардан Таз чечен, Норгой уулу Бакай бар» – деген саптар учурайт. Изилдөөчү С. Байгазиев белгилегендей: «Түрк боордоштугу «Манастын» тышкы дүйнө менен гармонияда, бирдикте болуу, тиричилик өткөрүү жөнүндөгү глобалдык идеясынын бир гана бөлүгү. «Манаста» адам тегине улутуна рассасына карап эч качан бааланбайт». [18, 60]

Эпосто масштабдуу мааракелердин эч бири башка улуттардын катышуусусуз өткөрүлбөйт. Кыргыздар мындай мааракелерди башка элдерге сый көргөзүп, карым катышын, достугун бекемдөө институту катары карашкан. «Көкөтөйдүн ашына» келген коноктордун географиясы азыркынын тили менен айтканда бүтүндөй дүйнө элдерин кучагына алат. «Байыркы кыргыз журтчулугунун географиялык маалымдуулугу (кругозору) чыгышта – Ыраакы Чыгышты «торогон» мифтик Көйкап тоолорунан тартып, батышта – Орол, Эдил, Кырым, Урум аркылуу жомоктук өлкөлөр – Желпиниш, Жеткайтка чейин созулган. Жетиген тарапта биздин бабаларыбыздын түшүнүгү Буурул түн аймагына, күн жүрүш жакта Тебит (Тибет); Ымалай (Гималай), Ындыстан (Индия), Меке, Мысыр (Египет), Магрипке (Түндүк-батыш Африка өлкөлөрү) чейин жеткен». Мында жүздөгөн улуттардын аттары, өрнөктүү маданияты тууралуу маалыматтар орун алган. Мааракеге дүйнөнүн төрт бурчунан эл чакыруу кыргыздардын башка элдер үчүн ачыктыгын жана ынтымак достукка умтулуусун айгинелеп турат. Манастагы «Көкөтөйдүн ашы» бөлүмү башка элдер менен карым катышта жашоонун куну тууралуу улуу сабак болуп эсептелет.

Инсан аралык достукка тарбиялоо. Кыргыздарда достук түшүнүгү жана достордун ортосундагы мамилелер жөнүндө бир топ макалдар бар жана алардын ичинен эң урунттуулары достуктун маанисин ачып берүүгө байланышкан. Достуктун баркы үй-бүлө же бир туугандык мамилелер менен бир катарда коюлат: «Мыкты дос – туугандан артык».

Көп сандаган досторго ээ болуу чоң бир байлык катары эсептелээри жана көп досу бар адамдын бейпилдикке, коопсуздукка жана бакытка жетүүсү жеңил болот деген идея ачык айкын көрүнүп турат. Ошону менен бирдикте макалдар «Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес», «Күлгөндүн баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес», «Жакшы дос жамандыкта билинет», «Жүз дос аз, бир кас көп» деп, аз бирок, саз досторго ээ болууну нускайт.

Кыргыз макалдарында балдарга досу жок адамдын абалы аянычтуу болуп, мындай адамдардын жашоосу кыйынчылыктар менен өтөөрү белгиленет: «Досу жок башым – тузу жок ашым», «Досу жок жетимден да жаман». Ошондуктан ата-энелер «Бир таруудан ботко болбос», «Бир тамчыдан деңиз болбойт», «Бир териден тон болбойт» – дешип балдар жаштайынан өзүнө татыктуу жан жолдоштуу болушун нускашкан.

Буга байланыштуу ымаласы жакын ата-энелер тең чамалаш балдарын дос кылуу демилгесин өз моюндарына алышкан. Балдардын достугун ырасмий белгилөө үчүн баланы ата-энеси менен кошо атайын чакырып конок кылып, ырымдап кийим кийгизишкен. Оозеки чыгармаларда орун алып турмушта бекемделген «баяндос салып дос күтүү» салты болгон. Ага ылайык дос болуучу балдар эки тарабы баяндос жер төшөккө олтургузулуп андан соң ортодо салынган ак кийиздин үстүндө кучакташып учурашышкан. Күбө болгон ата-энелер жана башкалар «Эми кучакташкан достор болдуңар, достугуңар бекем болсун» – деп бата беришкен. Мындан тышкары шилекей алышуу, чырпык кыркышуу, чыпалактын канын сорушуу, туз жалашуу, нан кармашуу сыяктуу достук антташуунун түрлөрү бар. Мындай жол жобо аркылуу дос болгондорду «Анттуу дос» – деп аташкан. Ата-энелер балдарынын ортосундагы достукту бекемдөө үчүн досторуна өз балдарындай мамиле жасашып, бири бириникине түнөп калышын өөн көрүшкөн эмес. Тескерисинче, алардын боор батырышы үчүн шарт түзүп берүүгө аракет кылышкан. Достук мамиледегилердин лексиконунда колдонулган «Аяш ата», «аяш эне», «аяш уулум», «аяш кызым» деген сөздөр алардын ортосундагы жакындык мамилени күчөтүүгө өбөлгө болгон.

Ата-энелер балдарга дос тандоо жана алардын баркына жетүүгө тарбиялоодо төмөнкүдөй макалдарга таянышкан: «Акылсыз достон акылдуу душман артык», «Малың барда баары дос, малың жокто кана дос?», «Жаман достон жалгыздык артык», «Алдым жуттум дос күтсөң, кубанычың аз болоор», «Алыстагы душмандан аңдып жүргөн дос жаман», «Аңдышкан айыл конбойт, сатуулашкан дос болбойт», «Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп берген жок», «Азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп берген жок», «Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың; жаман менен дос болсоң, кара өзгөй доого каласың», «Дос алдында жооп берүүдөн, душман алдында өлгөн жакшы». Чыныгы достукка жетүү бакытына ээ болгон адам достору үчүн өзүн курмандыкка чалгандан тайманбайт, жалгыз гана аларга жардам берүү максатында башынан өткөргөн кыйынчылыктардан ыракаттанат. Кыргыз жана түрк тилдеринде төмөндөгүдөй курмандык темасын чагылдырган макалдар арбын: «Дос, доско жаныңды кош».

Чыныгы достор бири-бирин эскертүү жана бири-бирине туура жол көрсөтүү милдетин аткарышы абзел. Достордун эскертүүсү кээ бир учурларда катуу айтылса да ниетинин жакшы болушу таарыныч же капалыктарга алып келбеши керек. Анткени «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат».

Мындан тышкары балдарды инсан аралык достукка тарбиялоодо жомоктор менен эпостордогу окуялар үлгү, өрнөк катары колдонулган. Достукту жолдоштукту жогору баалоонун өрнөктөрү жомоктордо өзгөчө таасирдүү берилген. Алсак, «Чыныбек» аттуу жомоктун каармандары биринин башына түшкөн мүшкүл иш үчүн жанын да курмандыкка чалууга даяр шертке бек чыныгы достор. Ал эми «Дартына даба болгон экен» деген жомокто бала башка өлкөдөн дос таап анын амалы аркылуу даңктуу, нарктуу адамдын кызына үйлөнүп, атасынын оорусуна даба болчу дарыны таап, айыктырып алат. Балдар эки жомокто тең таң калаарлык кызыктуу окуялардын коштоосунда жакшылык достук аркылуу келээрине ынанышып, достуктун орду тууралуу терең түшүнүккө ээ болушат. «Манас» эпосундагы достук идеялары өзгөчө Манас менен Алмамбеттин өз ара адамгерчилик мамилелери аркылуу күчтүү берилет. Алмамбет кытай элинен, а бирок кыргыздардын арасында өсөт. Манас менен достошот, анын эң ишенимдүү адамдарынан болот. Балдар эпостон адамдар ортосундагы достуктун наркын сактоо, парызына татыктуу болуу тууралуу ар тараптуу таалим, нуска алышкан. Алсак, эпосто Бакай, Манас, Ажыбайдын достошуусу тууралуу: «Асмандагы жылдыздай козголушту үч ойрон, А дүйнөлүк ошондо дос болушту үч ойрон, Ак бөкөндүн кылындай суурулушуп турушту» – деп айтылса [48, 194 ], Манас менен достошкон чоролор «Бирөө үзүктөй калпак Эр Шууту, Бирөө Ырамандын ырчы уулу, Кыйын мүшкүл иш түшсө, Кыраан Манас кашында, Ырдап берет башында. Боз баланын баштуусу, Кыйшык кыя сөз болсо, Кылт дедирбей билчүүсү» – деп бири-бирин толуктап турган инсандык сапаттардын гармониясы катары сүрөттөлөт.[48, 194]

Адамдар ортосундагы достук, жолдоштуктун, ынтымакчылыктын маселелери «Курманбек» эпосунда да боордук идея. Курманбек достукту чыныгы маанисинде баалай билет. Эпосто Курманбек менен Аккан экөөнүн ортосундагы достук бир эл менен экинчи элдин ортосундагы достуктун символу катарында берилет. Эпостогу достук идеяларын алып жүрүүчү каарман Аккан болуп эсептелет. Аккандын достукка бекем тургандыгы, гумандуулугу эпосто Курманбек өлүм алдында жаткан учурда өзгөчө күчтүү баяндалат. Катуу жараланган Курманбекти тааныбаган киши болуп өтүп кетпестен, анын жаратын айыктырууга аракет жасайт. Курманбек эсине келе албай, анын ким экендигин сураганда:

«Менин атым Аккан дос, Кудайга ишим жаккан дос.

Дүнүйөнүн бурчунан Тегеренип тапкан дос» –

деп жооп берет. Аккандын жообу өзүнүн иши менен шайкеш келет. Ал Курмабектин жан кыйышпас досу катары Курманбектин көздөгөн мүдөөсүн аткарат, жолун улантат, б.а. Курманбектин элине зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү жок кылып, калктын ыраазычылыгын алат. Ошону менен бирдикте Курманбектин мураскери Бекаалыны өз колуна алып, аны тарбиялап, адам кылуу милдетин мойнуна жүктөйт. Эпостогу бул окуялардын төркүнүндө баатыр жана анын эли үчүн өч алууну бир элдин ичинен чыккан адамдар гана ишке ашырат, элдик баатырдын ишин жеке гана анын укум-тукумун улантпастан, ынтымакта жашаган элдин баатыр уландары да улантышат деген жалпы элдик идея жатат.

Чыныгы достукка жетүү бакытына ээ болгон адам достору үчүн өзүн курмандыкка чалгандан тайманбайт, жалгыз гана аларга жардам берүү максатында башынан өткөргөн кыйынчылыктардан ыракаттанат: «Дос, доско жаныңды кош», «Өз башыңды доого берсең да, жолдошуңду жоого бербе». Чубак, Сыргак менен Алманбет Манас үчүн дал ушундай өрнөк жан жолдош болгон. Ошондуктан «Манас» да көзү өткөн достор үчүн күйүт тартып арбагын сыйлоонун өрнөгүн көрсөтүп «Эл намысы деп жүрүп аяш мен эгиздерди жеп алдым аяш!». «….Канатым өрткө алдырдым аяш, кабыландардын баарысын, каканчыга алдырдым аяш!», «Ач арстан, ары шер жардыгында өлбөдүм аяш!» «Алмамбет, Сыргак, Чубагым бардыгында өлбөдүм аяш! – деп аза күткөн.

  1. НАМЫСКӨЙЛҮК, УЯТТУУЛУККА ТАРБИЯЛОО

Кыргыз эл педагогикасындагы балдарды тарбиялоонун орчундуу баалуулуктарынын бири намыстуулукка тарбиялоо. Эл оозкеки чыгармалардын бардык үлгүлөрүндө адамдын «намыс» жана «ар», «бедел» деген түшүнүктөр адамдын нарктуулугун айкындоочу чек катары чечмеленет. Эл көзү менен караганда жеке пенденин жашоо турмушта башкалар тарабынан адамдын адам катары саналышы анын ар намысын коргоп, сактай билишинен көз каранды. Макалдарда катталып күнүмдүк тарбия ишинде башкы багыт катары жетекчиликке алынып келген «Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт», «Жаш чыбыктын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү», «Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт», «Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт», «Уят – өлүмдөн катуу» ,«Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек», «Эр – намыстын кулу» – деген принциптер «намыс», «ар» түшүнүктөрүн «бар болуу» же «жок болуу» менен бир катарда карайт. Кыргыздарда «арсыз», «намыссыз» адамдарды «Тирүү болуп, элде жок, өлүп кетип, көрдө жок» – деп катардын сырт адамдар катары мүнөздөшкөн. Адамдын намыскөйлүгү жүрүм-турумундагы жакшы менен жамандын, абийир менен уяттын наркын ажырата билүү менен байланыштуу. Ошондуктан «Уят – өлүмдөн катуу» – деп ар кандай кырдаалда эл арасында уят, айың кепке калбоодон сактанышын эскертишкен. Уят менен ар намыстын арасын барк албагандарды «Бети жок», «Бети калың», «Жүзү жок» – деп катаал айыпташкан.

Арийне, бардык элдердей эле намыскөйлүккө, уяттуулукка тарбиялоодо эркек жана кыз балдардын табияты, турмуштагы орду, милдет, парыздары кылдат жетекчиликке алынып программаланган.

Уул балдарды намыскөйлүгүн тарбиялоо алдуу күчтүүлүк, кайраттуулук, убада шертке бектик, үй-бүлө жана эл-журтка таяныч болуу, ата-энесин, катын кыздарын, туулган жерин башкаларга кордотпоо, алардын намысын коргоо үчүн жоопкерчилик сыяктуу коомчул инсандык баалуулуктар менен мерчемделген. Башкача айтканда кыргызда уул балдардын намысы менен бедел наркы улуттун, эл журттун намысы менен туташ биримдикте каралат. Кыргыз эпостору эң обол улуттук намысты коргоодо үлгү, өрнөк көрсөткөн улуу кичүү инсандардын улуу сабактарына багышталган. «Манас» эпосунда Манастын эс тарткандан баштап жасаган күрөшү улуттун жоголуп бара жаткан намысын колуна кайтарып берүүгө багытталат. Манас өзү уул балдардын дүйнөгө келишин эл журттун намысын коргоо менен тике байланышын төмөнкүчө түшүндүрөт:

Манас эр жигиттиктин маани-маңызын төмөндөгүчө аңдатат:

Жалпы турган ага-ини,

Жалынсаң жаның калабы? Корксоң коюп салабы?

Эркек козу туулуптур, Не жумушка туруптур?

Эр азамат туулуптур, Не жумушка туруптур? Эркек козу болгондо

Курмандыкка караткан

Намыс үчүн жараткан! [49, 22, 23]

Манастын ысмы менен эл сыймыктанып, душмандары сестенип турат. «Чөптөй көп кытайдан» жүрөгү өлүп калган Акбалта менен Жакып Жолойдун кордугуна чыдап, кыздарды, малды тартууга берип, Аман-соо калалык дешкенде Манас душманга намыс алдыргандан көрө өлүүнү артык көрөт:

Өлбөй тирүү жүргөндө

Не мураска жетейин,

Кырк үйлүү кыргыз журт үчүн

Курман болуп кетейин [48, 88]

Манас тубаса кеменгерлигинин жардамы менен атажуртунун учу кыйырына сын көз менен серп таштап, мекендештеринин осол жоруктарын моюнга алып аны калайык калк чогулган жайларда:

Ажал жетпей, күн бүтпөй, Анча эмне жүдөдүң!

Жаныңа жандын бара албай Журтум жалтак болгон экенсиң…. … Көрбөгөндү көрүпсүң көрүнөө көбүң өлүпсүң –

деп ачуу чындык катары тайманбай бетке айта алган. Манас ушинтип чынчылдыгы, бетке чабар сынчылдыгы менен көпчүлүктүн көзүн ачып, жарандардын намысына тийип, алардын патриоттук сезимин ойготуп, улуу эрдиктерге шыктандырат, артынан ээрчитет. Манастын триумфалдык жеңиштерге жетишишин шарттаган булактардын бири – бул анын өзгө да, өңгөгө да, жеке өзүн өзү аңдап түшүнүүсү күчтүү өнүккөндүгү деп айтсак болот. Манастын тегерегиндегилер дээрлик эл журт намысын коргогон ишмердүүлүгү менен өлчөнүп бааланат. Алардын ар бири айткан сөздөрү кылган иши менен ар намыстын кулу. Нарктуу инсандар ортосундагы диалогдордо эң көп кездешкен тема бул намысты коргоо темасы. Ушуга байланыштуу Манастан башка каармандардын сөздөрү менен жорук-жосундарына айрым мисалдарга токтоло кетели. Чубак Манаска намыс тууралуу минтип айтат:

Ак болот мизин жайлаштым,

Намысың бирге талаштым

Ар душман менен салыштым, Айкөлүм сенин айыңдан Ал жетпес жоого алыштым.

Намыстан кайдан калыштым? [49, 197]

Кошой Манаска «Эр болсо Манас келсин де, Кайнап жаткан кытайдан ажыратып алсын де» – деп кабар айттырат. Чыйырды эл журт ичиндеги намыссыз, баарына кайдыгер, коркок билиш адамдар тууралуу мындайча ой жүгүртүп, санаа чегет: «Кээ бир акмак немелер, мышыктай беттен тыталайт, журтуңа душман келгенде, Жоону беттеп чыга албайт. Акыйкат үчүн күрөшөөр азаматты көрө албайт. Эмгеги тоодой турса да, Баракелде дей албайт». [23, 69].

Түрк элдеринин салттуу түшүнүгүндө Ата Мекендин кызыкчылыгын, намыс-ариетин коргоо, аларды ыйык тутуу – эң обол үй-бүлөдө ата-энеге карата мамиледен башталат. Ата-эненин тилегин аткара албаган баладан башка чоң нерсени үмүт этүүгө болбойт. Бул талашты талап кылбаган аксиома. Мына ушул ата-эне журт алдындагы атуулдук кош кабат парыз маселеси Коркут атанын «Казан Салардын үйүн жоо чапкандыгы жөнүндө ыр» – деген чыгармасында өтө күчтүү, таасирдүү баяндалган.

Огуздардын каны Казан Салар аң уулап жүрүп, бир күнү узак уйкуга кетет. Муну сезген каршылаш жоосу Печенегдер кол башчынын ордосуна чабуул жасап киришип, үйүн тоноп, аялын, баласын туткундап кетет.

Алар Салар Казанды жеңгендигинин урматына шааншөкөт уюштурушат. Баатырдын кадыр-баркын, намысын тебелөө үчүн Бөртө сулууну шарап куйдуруп, хан-бектердин көңүл кумарын жазууга пайдалангысы келишет. Бирок, Бөртө сулуу ар-намысын коргоо үчүн бекем туруп, нөкөр кыздарына: «Менин ким экенимди айтпагыла» – деп өтүнөт. Кырк кыздын кимиси «Бөртө сулуу» экендигин ажырата албай айласы кеткен печенегдер туткунда жаткан баласын союп, этин барчалап, казанга куурутуп, андан кийин ошол этти кырк кызга сунуш кылмак болушат. Алардын амалы боюнча этти ким жебесе, ошол баланын энеси Бөртө сулуу болуп чыкмак. Мындай жүрөк үшүткөн хан жарлыгын алдын ала уккан Бөртө, уулунун көзүнө тике карай мындай суроо салат: «– Балам, сенин этиңди жейинби же душмандын төшөгүнө жатып, атаң Казанбектин намысын тебелетейинби?».

– Урматтуу апа! Мейли, душман мени союп, этимди барчалай берсин. Менин этимди кууруп, бектердин кырк кызына тартсын. Алар бир-бир кесим этимди жеп болгончо, сен эки кесим этимди же, апа. Бек сен ким экениңди билбесин! Атамдын ар-намысын кас душманыбыз буту менен баспасын! Ар-намыс үчүн жаным курман, Урматтуу апа!». Демек, бул жерде эне да, бала да аталардын жерин жана салтын коргоо жандан артык ар-намыс иши экендиктин бийик үлгүсүн көрсөтүшөт. Бул сюжет аркылуу Коркут баба түрк элдеринде адамдык бийик сапаттарынын үлгүсүн урпактарга өрнөк, осуят катары жеткирүүгө далалат кылган. Ырасында эле Коркут ата жеткинчек жана өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсү менен бай маданияты шайкеш келип, эл менен жерин кашык каны калганча жоодон коргоор намыс, ариеттүү адам болуп өсүүсүн тилейт. Ошого байланыштуу мындай дейт: «Жол кыйындыгын көрбөгөн жигитке Кавказ аргымагын миңгизүүдөн эмне пайда. Колуна өткүр кылыч алып, ошону колдоно билбеген коркокко кылыч сермеп күчүңдү сарптаба. Баатыр туулган жигиттин саадагынын огу да кылычтай кесип өтөт. Колуна кармаган кылычың мокобосун. Жоого аткан саадагын өткүр болсун.»

«Коркут ата» аңгемелеринде кандай гана катаал шарт болбосун душман алдында да, тууган алдында да бир сырдуу намыс үчүн өлүмдү тике караган көкжалдардын өрнөктөрү берилген. Алсак, Бегил уулу Амрен чекарада азгантай гана алптары менен душмандын соккусуна учурайт. Калың колго туруштук берүү үчүн атасы ага: «Баяндыр канга барып, аскер сура» – дейт. Бирок бир кезде атасын таарынтканын эстеген Амрен кайра барып, кан алдында баш ийгиси келбей, чакталуу нөкөрлөрү менен грузин аскерлерин жеңет. Качкан жоону кууп, көп олжо менен кайтат. Таарынычына карабай калайык калкты сактап калгандыгы үчүн Хан тарабынан зор урмат-сыйга ээ болот.

Эл ичинде калыптанган ой корутундуларга жараша адам баласы аракет кылса Жакып сыяктуу байлыкка, бийликке да жетишүүсү, үй-бүлөсүн, уруусун да коргой алышы мүмкүн. Кыргыз уруулары бир чоң дарактын бутагындай болгон. Ошого жараша ар бир бутактын намыс арын коргогон баатырлар да болгон. Чыныгы эр жигит, баатырдыктын наркы өз уруусунун намысын коргоо менен өлчөнбөйт. Улуттун намысын коргоо үчүн өмүрүн саюу бийик даражадагы күчтүү рух. Бул акыйкатка мисал катары кыргыз баатырларынын пири Эр Солтоной менен атасынын диалогун көрсөтүүгө болот. Өз уруусунун намысы деп жүрө берсе башка элди ким коргойт деп санаа чегип сапарга аттанган Эр Солтонойго атасы мындай дейт: «Мыкты болсоң, ушул жерде туруп акылыңды, күчүңдү көрсөт. Кыргыздын баары бир чоң дарактай болгон менен, күчкө салганда, ар бир бутактын өзүнчө ажырап айрылып кете турган жиги бар. Ошол ар бир бутакты коргогонго да таяныч керек».

Баласы: – «Ата, эгер бирөөнү эле коргосом, башкалары таянычы жок калат, а мен бардыгын коргогум келет. Бир жерде туруп, кантип бардык элди коргой аласың». [18, 29]

Мындай типтүү салттык жосундардарды баатырдык эпостордун көпчүлүгүнөн көрүүгө болот. Ырасында эле, кыргыздын чыгаан инсандары улуттун улут болуп калыптанышы үчүн уруучулук чектелүүдөн эрте арылышып, улуттук аң – сезим даражасына эрте көтөрүлүшүп урпактар үчүн улуу өрнөк көрсөтүшкөн.

Ар-намыстуулукту тарбиялоо жогорку атуулдук парыздар менен күндөлүк турмуштагы адеп салттарды сактоо менен да өлчөнгөн. Ата-энелер өз урпактарын коом тарабынан кабыл алынган адеп салттардан четтөө ар-намыска доо кетичү уят иш деп, аларды сактоого тарбиялоо үчүн балдардын жорук жосундарын көз кырынан чыгарышкан эмес. Улуулар жана ата-энелер балдарга адамдын бардык жосуну элдин назарында болоорун «Билбейт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа», «Көптүн көзү көрөгөч», «Эл эмне дейт» – деп эскертип келишкен. Эгерде жаш бала желбегей жамынса, колун артына алып басса, жерге таянып олтурса, жатып тамак жесе, бутту учкаштырып олтурса, кекирсе, тизезин кучактап олтурса, тилин чыгарып көргөзсө, үшкүрсө, колун оозуна салса же төбөгө алса, колун жазданып жатса, тескери болуп олтуруп, эки бутунун арасынан караса, таңдайын такылдатса, жипти мойнуна ороп ойносо, баш кийимин тетири каратып кийсе, керегеге асылып ойносо, дааратканада ырдашса, же бирөө менен урушса, дасторконду аттап өтсө, дасторконго колун аарчыса, дасторконду жыйнай электе жата калса, улуулардан сөз талашса, мал санагандай адамдарды санаса, отурган адамдын бутун аттап өтсө, тамакты жылаңач ичсе, үйлөп ичсе, башкалардын көзүнчө тишин чукуса же кычыратса, эртең менен колу бетин жуубай кишилер менен учурашса, оокат жеп бүткөндөн кийин өзүнөн улуу кишиден мурда кол аарчыса уят иш деп эскертип тыйышкан. Эгерде көчөдө же башка жайларда балдардын осол жоруктары байкалса улуу кишилер же кошуналар болобу баары уяткарып «Кимдин баласы элең?» – деп эскертүү беришкен. Дегинкиси, салттык турмушта балдардын жүрүм-турумуна кайдыгер караган адам болгон эмес. Айрым учурда «Улуу сөздө уят жок» – дешип эң талуу темалар боюнча да насаат айткандан четтешкен эмес. Бирок, акылман таалимчилер адам айыбын бетке айтып шагын сындырууга жол беришпей кыйытып, сый да айтышкан, башкаларга да жарыя кылбай жашыруун калтырышкан. «Эгер табарсыгы бош» болсо, «шейшеби бош тура» – деп гана коюшкан. Эгер күтүүсүз ичи өтүп кетсе «жуурканга тийип калыптыр» – деп гана жумшагыраак түшүндүргөн. «Ой минтип салыптыр» – деп шыбырап, күбүрөп бирөөлөргө айтпайт, бул ыймандуулук, кыргыздарда бирөөлөрдүн беш абийирин бек сактоо. Кемчилигине карата ага акаарат айтпоонун маданияты абдан сакталган. [5, 58 .] Буга байланыштуу Х. Карасаевдин эскерүүсү өтө маанилүү: «Инабаттуу карыялар дайыма: «адамды уялтпагыла, адамдын абийирин айрандай төкпөгүлө, назарын сындырбагыла. Адамдын уялганы өлгөнү. Уят өлүмдөн күчтүү» – деп самырдай какшап турушаар эле. Х. Карасаев ушуга байланыштуу дагы бир окуяны эскерет: «Илгери бир карыя адам кол өнөрү менен жасаган бир нерселерин ортого коюп, сатканы отурса, бир келин келип, карыянын маңдайына отура калып, бир немени карайын дегенде, артынан «жел» чыгып кетиптир. Келин кирерге жер таппай уялып кеткенин байкаган карыя: «Балам, менин кулагым такыр укпайт. Катуу айткын. Эмне алайын дедиң эле» – дегенде келин: «Иий, кудай жалгап уккан эмес экен го!» – деп ыраңына келген экен. [34, 400]

  1. ЧЫНЧЫЛДЫККА, АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ, КАЛЫСТЫККА ТАРБИЯЛОО

Кыргыздар өз урпактарын «ачык айтып ак сүйлө», «Тишиң тилиңе күбө», «Сөзүңө бекем тур», «сөзүңө бек бол», «байкап сүйлө» деп ар дайым чынчыл жана адилет болууга тарбиялоого өзгөчө маани беришкен. Турган турпаты менен айткан сөзү төп келгендер «Ичи тышы бирдей» адилет, акыйкат, абийири таза инсандар катары өрнөк тутулган. Элдик акылмандыктын үлгүлөрүндө ачык айтып ак сүйлөөнүн мааниси тууралуу «Чын айтып зыян тарт, жетээрсиң мураска, калп айтып пайда тапсаң калаарсың уятка», «Арам тамак аш болбойт» «Жалган сүйлөсөң тутуласың, туура сүйлөсөң кутуласың», «Калптын казаны кайнабайт», «Калп ырыс кесет», «Калптын арышы кыска» деп айтылат. Турмушта адилдикти, калыс сөздү туу тутуп, өрнөктүү асыл жашоо кечирген керемет адамдар көп кездешет. Тоголок Молдо «Адам мүнөздөрү» аттуу ырында «Калыс» деп бул адамга атак койгон, калыстык сөзү үчүн атап койгон» – деп эл тарабынан ыйгарылган бийик атак ээлери катары алардын ыймандык ыкыбал даражасын өтө жогорку бийиктик катары сыпаттайт. Калктын жашоо турмушундагы өз ара мамилелердеги гармония ошондой адамдардын пикирлери, коомчул активдүү позициялары, тутунган принциптери аркылуу жөнгө салынып турат.

Кыргыз элинин «Ак ийилип сынбайт» – деген макалы балдарды акыйкаттыктан үмүт үзбөө, ар кандай иште акыр түбү чындык гана жеңээрине ынандыруу иретинде айтылып келген. Ошону менен бирдикте эл бул турмушта чындыктан башка эч нерсе түбөлүктүү болбойт, «Кыңыр иш кырк жылда билинип» жашырылган арамза жосун үчүн эртеби кечпи жооп берүүгө туура келет деп эскертет. Кыргыз тилинде жалган сүйлөгөн адамдарга карата айтылуучу «калпычы», «кыйды», «шыпыр», «жылпыш» деген мүнөздөмөлөр бар. Алар каратып туруп калп айтышат же кылган ишин заматта танышат.

Калп айткан адамга ырыс кешиктүү болбостугу жөнүндөгү эскертүү «Калптын казаны кайнабайт» – деген макал аркылуу билдирилет. Мунун жүйөөсү төмөндөгүчө: Калп айткан адамга эч ким ишенбейт. Аны менен соода сатык кылбай, карыз бербегендиктен чөнтөгү жука, казаны бош, дасторкону жупуну болот.

Кыргыздарда ыймандык ыкыбал даражасы өтө жогорку бийик адамдар бул «Кара кылды как жарган калыс адамдар». Чындык ачуу болсо да, ага кармануу «Манас» эпосунда да инсан аралык мамиледеги башкы принцип катары эсептелген. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген чындык сөз баарынан улуу деген ой эпосто кыргыздардын башкы ишеними, жашоо эрежеси болгондугун көрөбүз. Чындык сөздү ким болсо да Манастын бетине айта алган. Алмамбет менен Чубак «Чоң казатта» чалгынга жол талашып, чыр чыгарышат. Айрыкча Чубак «Унутуп койоор сен белең, оорукта калаар мен белем», «Ой, ой Манас, ой, Манас, анкоосунбай кой Манас» – деп ачуусун түз эле Манастын бетине айтат. Ошол доордогу башка элдердин маданиятында Ханга каяша айткан адамдар өлүмгө буюурулушу мүмкүн эле. Бирок, айкөл Манас кошомат сүйлөгөндөргө караганда ушундай ыймандай сырын, ич күптүсүн ачык бетке айткан адамдардын жоругун өөн көрбөйт, табигый көрүнүш катары кабылдап, адилеттүү реакция жасайт. Булардын баары кыргыз элинде акыйкатты тайманбай бетине, жүзүнө карап айтуу маданияты байыртан түптөлгөн баалуулук экендигинен кабар берет. Кыргыздарда акыйкаттан айныбас үчүн айрыкча, достошкондо, топ алдында күнөөсүн кечиргенде, келишим түзгөндө, жаштардын мамилесинде ант беришкен. Ант келишим мүнөзүнө жараша, кучакташуу, ок тиштешүү, шилекей алышуу, көк чыбык кыркышуу, ак нан тиштешүү, туз жалашуу сыяктуу жөрөлгөлөр менен бекемделген. Антты бузгандар катуу жазаланган.

  1. БООРУКЕРЛИК, ЖООМАРТТЫК, БЕРЕШЕНДИККЕ ТАРБИЯЛОО

Күтүлбөгөн опурталдуу окуялар менен коштолгон көчмөн коомдун шарттарында урпактарды бири бирине карамдуулукка, боорукерликке тарбиялоо башкы зарылдык катары кабылданган. Кыргыз тилинде адамдын адамгерчилигин, мэээримдүүлүгүн өлчөп баалоодо боору жумшак, боору тааныйт, боору билет, боору тартып турат, боордош, боору бир деген сөздөр көп учурайт. Эл тарабынан тууган урукка, эл журт ичиндеги бей бечараларга «карамы жок», мээримсиз, кайрымсыздар адамгерчилиги тайыз адамдар катары саналган. Буларды ажыратып баалоо үчүн «Боор ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт», «Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт» – деген макалдар бар.

Жетим-жесирлерге, карыларга, бечара кедейлерге, оорулууларга, ошондой эле айланадагы жан-жаныбарларга боорукер жосун күткөн ак пейил адамдарды «соопко белин байлаган” деп мүнөздөшкөн. Айрыкча жетим-жесирлерге карамдуулук, камкордук эң жогорку даражалуу сооп иш катары каралган. «Жетимдин акысы – тозоктун оту», «Жетимдин акысы жети жыл уктатпайт» – деген накыл кептер аркылуу жетим жесирлердин мээнетине аксымдык кылгандык кечиримсиз оор күнөө катары эскертип келишкен. Ал эми Арстанбек акын адамдар арасындагы кара мүртөздүктү айыптоо менен «Алабарман сөз сүйлөп, Азамат көөнүн оорутпа. Жетимге камчы көтөрбө, Жесирдин отун өчүрбө» деп эскерткен. [66, 211]

Кыргыздар урпактарын кайрымы жок таш боор болуп калбашы үчүн абдан кабатырланышып, андай жоруктан алыс болуп чоңойушу үчүн ар түрдүү камкордуктарды көрүшкөн. Эгер үйгө жол сураган жолоочу келсе, аны алгач үйгө киргизип ысык чай, кымыз менен сыйлап, анан барар жолун көргөзүп, узатып же жеткирип коюу салт катары калыптанган. Көбүнесе мындай иштерди балдарга тапшырышкан. Ал эми балдар кызмат кылуунун бул милдетин сыймык менен аткарышкан. Элдик ырымдарга ылайык «Балага чучук бербейт. Чучук жеген бала мээримсиз болуп калат», «баланын жаздыгын өтө жумшак койбойт», «Баланын таманынан өппөйт, өпсө кайрымсыз болуп калат».

Балдардын боорукер жана мээримдүү өсүшү жөнүндөгү ак тилектер «Кең пейил, акылман кыл, Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү кыл» деп баталарда да өзгөчө белгиленип айтылат.

Кыргыздар күндөлүк турмушта балдардын боорукерлик жана кайрымдуулукка байланыштуу демилгелерин өтө канааттануу менен колдоого алышкан. Буга байланыштуу Абдрасул Осмоновдун калемине таандык «Шабдан баатыр» аттуу китептеги анын балалык чагына байланыштуу төмөнкү окуя өзгөчө кызыгууну туудурат:

  • Шабдан жети жашар кези экен. Жантай бир топ кишилер менен карагайдын көлөкөсүнө, суунун жээгине шырдак салдырып, дасторкон жайдырып коюп, Күрөңкөйгө комуз черттирип отурган экен. Шабдан атасынын жанына келип:
  • Ата, сизден бирдеме сурасам бересизби? – дейт.
  • Бере турган нерсе болсо берейин. Айтчы, эмне су-райсың?
  • Ата, бир семиз кой бериңизчи?
  • Ошол элеби? Аны эмне кыласың?

Досум Зайнидиндин апасы үч күндөн бери ооруп төшөктө жатат. Суук тийиптир. Эт жеп, шорпо ичсе эле айыгып кетет дейт. Зайнидин жетим эмесипи.. ыйлап отурат. Жантай шашкалактап: – Ал балам, ала кой» – дегенде Шабдан учуп жөнөйт. Зайнидин досунун үйү абдан алыс экен. Ошого чейин тынбай чуркап барат. Жантай ыраазы болуп, «Буюрса балам боорукер болот тура» – деп сүйүнгөн экен… [57, 45]

Ушундай таалим-тарбия камкордуктарынан улам Шабдан жанда жок боорукер карапайым адамдарга жакын, карамдуу болуп өскөндүгү эл ичинде өрнөк катары айтылып келет. Шабдан тууралуу санжыраларда анын кең пейил, кайрымдуулугу жөнүндө көп өрнөктөр бар. Шабданга жолдон кайырчы, думана чыкса, ат мингизип, чепкен жапкан дешет. Эгерде ат берүү мүмкүнчүлүгү болбой калса, алтын акча берип, а түгүл айрым учурда минип турган жоргосун берип кеткен деп, айтылат. [25, 171].

Балдарды боорукерликке, кайрымдуулукка тарбиялоодо «Манас» эпосундагы өрнөктөр өзгөчө мааниге ээ болгон. «Манас» эпосу боорукерликти адамдык өлчөм кылган чоң жомок болуп, Манастын өз улутунун көргөн кордугуна боор сыздатып, боору түтпөй өзүнөн алда канча күчтүү жоого балтыр эти ката элек кезинен аттанып кан майданга башын байлап чыгышы да чоң боорукерликтин үлгүсү болуп эсептелет. Эпосто адамдын сүйүүсүнүн мазмуну ата-эненин перзентине болгон мээрими, перзенттеринин ата-энеге күйүмдүүлүү, өз улутунун боордоштугу, бөтөн эл, бөлөк журтка боор берип элдешүү сыяктуу боорукерлик мамилелер баяндалып, үлгү катары айтылган. Манас Чоң казатка бара жаткан жолдо: «жерди айтып бир кейип», «элди санап бир кейип» өзү жөнүндө эмес, элдин келечеги үчүн санаага батат.

Кокустан өлүп кетсем Бээжинде

Биринин тилин бири албай,

Баш аламан кокуй Эл

Бирөөн бирөө көрө албай,

Ала болуп кететбейм,

Аңдып жүргөн көп душман

Алакандай элимди

Түбүнө түгөл жетет бейм. [48, 198]

Оор салгылашуулардын биринде жеңилип калган тараптан бир эне балдарынын өмүрүн сурап Манаска кайрылганда ал боорукерлик менен эненин сөзүн эки кылбай орундатат:

Балдарың кечтим күнөөсүн,

Жакшы киши окшойсуң

Байкоо менен сүйлөйсүң. Турсун аман балаңыз,

Турсун мына калааңыз,

Өз жаныңа караңыз [4, 93].

Кыргыз элинде бирөөлөргө кыйынчылыкта кол сунуп жардам, көмөккө келип же, көп жылдык карызын кечип жиберген, же бирөөлөрдүн айып акыларын төлөп башын бошотуп алган адамдардын ысмы ооздон оозго, муундан муунга суктануу жана сыймык менен даңазаланып, боорукерликтин, пейили кенендиктин үлгүсү катары унутулбай айтылып келген. Бул гумандуу жөрөлгө «ажат ачуу» деп аталган. Ал эми ажат ачкан адам «ажатчыл адам», «ажатка белин байлаган ак пейил адам» – деген элдик адамдын даражасына ээ болгон.

Кыргыз элинде балдарды жан-жаныбарларга да боорукерлик менен мамиле кылууга тарбиялоону көзөмөл туткан каражаттар арбын. Мындай чыгармалардын үлгүсү катары үрөөн сепкендеги «Баба дыйкандын батасын» көрсөтүүгө болот. «Баба дыйкан батасы» кыргыздын залкар батасынын бирөө болуп, бул айдоо жерге үрөөн себерде колу берекелүү, дили таза киши үрөөн себүүнүн эң алгачкы башталышында, бир ууч үрөөндү сепкенче айтылат. Батанын негизги мазмуну бул үрөөндөн өнүп чыккан дан жалгыз эле эгүүчүнүн өзү үчүн өнбөй, дагы табияттагы жан-жаныбарлардын акысы, алардын ырыскысы үчүн өнүү керектигин айтат. Бул бата түпкүлүгүндө кыргыздардын табияттагы жан-жаныбарларга боорукерлик менен мамиле жасоо жана алар менен ырыскысы үчүн кызмат кылуу нускасын туюнтуп турат. Ушундай боорукерлик менен кең пейилдик калыстыкка чакыруу өрнөгү аты аңызга айланган ойчул акын Асан кайгынын ырларында да таасын чагылдырылган. Асан акындын атына «Кайгы» деген сөздүн кошулуп айтылышы адамдардан баштап жан жаныбар макулуктарга чейин баарынын абалына жаны кейип, боору ачып жашоо кечирген өрнөктөрү менен байланыштуу болгон.

Маселен, кыш мезгилинде көп жаныбарлар жабыр тарта тургандыгын эстеп сар-санаага батат:

«Таразасын көтөрүп Тарбаңдаган жер тумшук Ташбака байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышкан, Баса албаган балчактап

Бака байкуш кантти экен?

Кирер эшиги жок, Корголор тешиги жок, Коңуз байкуш кантти экен? Курт-кумурска үйү жок,

Куурап баары өлгөн чыгар,

Өлбөсө да байкуштар Көргүлүктү көргөн чыгар», – деп жаны жай албайт. [64,194]

Мындай купуя сырдуу рухий көрүнүштөрдүн түптөлүшүнө, калыптанып системаланышына адегенде элдик архаикалык мифтик түшүнүктөр, кийинчерээк ислам дининин эреже-жоболору чоң таасир тийгизген. Ислам осуяттарында айбанаттарга аяр мамиле кылуу, аларды кокустуктардан сактоо адам баласынын милдети катары каралат. Бул жөнүндө ар кандай жандуу айбанаттарга зулумдук кылып, зыяны жок айбанаттарды өлтүрүү, кыруу, аларды кыйын абалга дуушар кылуу ж.б.д.у.с. бардыгы арам иштер катары айыпталат. «Ар кандай айбанаттардын сүт эмген жаш балдары болсо биротоло энеден баласын ажыратып таштагандан өтө сак бол». «Жаңы тууган малдын сүтүнө кызыгып анын баласын эмиздирбей ач калтырба». «Майда курт-кумурскалардын жана куштардын, канаттуулардын уясын бузба». «Зыяны тие турган бөрү, жылан, чаян, чычкан сыяктуу айбандарды өлтүргөндө маңдайга чаап, же башка жолдор менен өтө катуу кыйнап өлтүрбө». «Эч убакта айбанатты отко салып өлтүрбө». «Мал жанды асырап карай турган болсоң, албетте ырасмини так карман». «Аларга ачууланган учурда сөгүнүп-кагынуудан, уруп-согуудан өзүң корк». Мындай нускоолор өтө көп, ошого жараша ар биринде терең маани бар.

Кыргыз коомунда калк турмушунун бакубаттыгы колунда барлардын жоомарттыгы, берешендигине байланыштуу болгон. Ошондуктан калк акылманд ыгын камтыгын булактарда кең пейилдик, жоомартт ык сыяктуу инсандык сапаттар эң жогорку даража дагы нарк нуска катары муундан муунга мурасталып келген.

Алсак, «Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт», «Пейили кеткен кишинин, казанынан аш кетет», «Пейили кенен – калысчыл, пейили тар – арызчыл», «Акылдуунуку – ортодо, Акмактыкы – калтада», «Көкүрөк ачык болсо, көңүл ачык болот», «Көңүлүң каш болсо, ичкениң таш болот» деген сыяктуу макалдарда урпактарга пейилдин тардыгы менен кеңдигинин маани-маңызын таанытуу көзөмөл тутулат.

18-кылымдын аягында 19-кылымдын башында ЫсыкКөл өрөөнүндө өмүр кечирип «Акылдын ээси» аталган Сарт аке (1775-1865) байлык, пейилдин кеңдиги тууралуу минтип айткан экен: «Негизи эле адам пейилинен табат. Короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, үй толо дүнүйө болсо да, бирок пейили тар болсо, дүйнөдө мындан өткөн жарды адам болбойт. Малдын түгү жок, үрүп чыгаар ити жок, мыёологон мышыгы жок, сызга олтурган жарды болсо, ошого карабастан жаратылышынан пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам бай. Балам мал жан күтсөң пейил кошо күт. Сараң адамда ынак дос жан бирге тууган, эзилишип эришкен сөөк болбой, жалгыздап калат. Мындан ашкан жардылык болобу – деген. [61,50] Кыргыздардын тарыхында колунда бар байлар байлыгынын көптүгү менен эмес, эң обол пейилинин кеңдиги менен аты аңызга айланып, жаштарды тарбиялоонун өнөгөлүү өрнөк нускасына айланып калган. Мындай мисалдар элдик чыгармаларда өтө арбын кездешет. Каныкейдин чын дили, колунун ачыктыгы, берешендиги «Жетишпедим» – дегенге Жеңин кесип бергендей Берендик жайы бар экен» – деп сүрөттөлөт.

Балдар жакшы өрнөктөрдөн гана эмес, пейили тардыкты ашкерелеген окуялардан да сабак алышаарын элдик тарбиячылар даана баамдашкан. Муну «Карымбайдын кайрымсыздыгы», «Чык таттырбас Чынарбай» аттуу жомоктор тастыктайт. «Карымбайдын кайрымсыздыгы» деген жомокто өмүрүндө бей-бечараларга кайыр садага бермек тургай, жалданып малын багышкандардын акысын убагында бербей убара кылуучу экен. Теңир Карымбайдын ал кылыктарын эскертип, кайрымдуу болууга үндөгөн экен. Карымбай ага кулак какпаптыр. Жараткандын ачуусу келип, кара жерге «тарт» деп буюрган экен. Кара жер соруп Карымбайдын кекиртегине чейин алып келип токтотуптур. Жараткан «жетим-жесир, жардыга кайрым көрсөтөсүңбү?» деп сураганда да макул болбоптур. Кара жер Карымбайды биротоло соруп кетиптир. Ошондон тартып Кайрымынын жогунан Карымбайды жер жуткан» деп айтылып калган имиш. Анын малы кийикке, кою аркарга, эчкиси тоо эчкиге, уйу бугуга, жылкысы жапайы жылкыга, эшеги куланга айланып кетиптир. Ал эми «Чык таттырбас Чынарбайдын» мейман кирип келгенде байбичеси койдун ичегисин, башын өзү, тамакка белендеген камырын келини беките койгонун Алдаркөсөө өтө чебер шакаба түрүндө ашкерелейт. Бул жомоктордогу осол жоруктарды турмуштук мисалдар менен шөкөттөп чечмелөө аркылуу эл бакылдык, сараңдык пейили тардыкка карата балдардын жийиркеничтүү мамилесин калыптандырууга аракет кылышкан.

  1. АК ЭМГЕККЕ, МЭЭНЕТ МЕНЕН ЖАШООГО ТАРБИЯЛОО

Кыргыздарда мээнеттен качпаган колу сындуу, эптүү, элпек «эл багар» инсандар эл мыктысы катары коомдук пикир тарабынан ар дайым жогору бааланган. Кыргыздар кылымдар тереңинен бери жаш муунундун зээнине «короо толо койлуу, өрүшү толо малдуу , кампаң толо дандуу болуп» бакубат жашоо жеке адам менен коомдун туруктуу өнүгүшүнүн зарыл шарты экендигин уялатып, уютууга аракет кылып келген. Бирок, материалдык байлык жана рухий баалуулуктарга жетүү, элдин урмат-сыйына арзуу адал эмгек аркылуу гана мүмкүн деген ойдо болушкан.

«Адал», «арам» сөзү ислам динине таандык көп функциялуу араб сөзү, бирок кыргыз тилиндеги «ак», «кара» деген сөздөрдүн синоними катары кабылданып сиңип кеткен. Адал эмгектин натыйжасы чын ыклас менен, бирөөнүн акысын жебестен, карандай мээнет, «пешене тер» менен табылган оокат аш жана башка баалуулулуктар. Буга байланыштуу «Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат» – деген макалда өзгөчө маани жатат. Элдин баасында адал эмгек табылган материалдык дөөлөт адамдын өзүнүн кишилик наркын өлчөөнүн өзгөчө көрсөткүчү: «Дарак – жалбырагы менен жашыл, адам – ак эмгеги менен асыл», «Эмгексиз бакыт – тузу жок тамактай», «Ак эмгектен түрдүү мүшкүл жоюлат; дил агарып, баары оң жолго коюлат». Ошондуктан ата-энелер балдарга ак караны таанытуу адал жашоого үйрөтүү, аларды кандай эмгек менен багып чоңойтуудан көз каранды болот деген ишеним менен «Биз силерди ак эмгек, пешене терибиз менен бактык, арам тамак жедирбедик» – деп силер да, «Ак ойлоп, адал иштегиле» деген накылды зээндерине уютуп келишкен. Ал эми рухий же материалдык байлык болобу, эмгектин берген натыйжасы адамдын мүнөзүндөгү максаттуулук, умтулуунун, мээнеткечтиктин, чынчылдыктын натыйжалуулуктун көрсөткүчү катары каралган. Ар бир ата-эне перзенттерине оңой жол менен мээнетсиз табылган оокат менен байлыктын кайтарымы, жугуму болбостугун эң башкысы жакшы абийир, оомат алып келбей тургандыгын дамамат эскертип келишкен. Мындай ой тыянактар «Сайдыкы сайга, суунуку сууга» «Кылып ичкен – кыйын аш, кыдырып ичкен оңой аш», «Эмгексиз тапкан мал, эсепсиз кетет» – деген макалдар аркылуу даана туюнутулат. Кыргыздар башка элдердей эле материалдык байлыкка оңой жол менен ээ болууну көздөп бирөөлөрдүн маңдай тер менен тапкан ырыскысына кол салып уурулук кылгандарды кескин сынга алып андай осол жорукка баргандарга карата балдардын жек көрүү сезимин калыптандырууга аракет кылышкан. Айрым кыргыз жомокторунда эгерде ата-энелер мындай жорукка жол беришсе балдар ага каршы турууга акылуу деген идея туюнтулат.

Биз тарабынан талдоого алынган фольклордук, этнографиялык, этнопедагогикалык материалдар кыргыз элчил коомчул нравасы жетилген инсан тууралуу көз караштары айрыкча эмгекке тарбиялоо багытында ачык байкалат. Элде «эмгекчил инсан» жана «эл багар» түшүнүктөрү өз ара өтмө катар байланыштагы түгөйлөш түшүнүктөр.

Макалдарда «Жанын баккан жарыбайт да, маарыбайт, элин баккан арыбайт да, карыбайт» – деп айтылат. «Манас» эпосунун айрым варианттарында «Үйдө жатып эл бакмак, Бастырып келсе жоо алмак, Баатырдыктын белгиси» – деп жай турмуштагы эмгекчилдик жана согуш майданындагы эрдик бир даражадагы баалуулуктар катары мүнөздөлөт. Мында айтылган «үйдө жатып эл бакмак» урушсуз, тынч чөйрөдө элди байытуу жолу гана баатырдык жол экенин, ал «капкайда жүрүп эл чапмак, кагышып жүрүп мал тапмак кара өзгөйдүн белгиси» – болоорун ачык белгилеген. [44, 234] Бул саптар ошол доордогу эл чаап кагышып, башкалардын малын олжологонду баатырдык катары санаган айрым негативдүү жоруктардын осолдугун аңдатуу иретинде айтылган. Жыйынтыктап айтсак кыргыз элинин руханий мурастарында мээнетсиз ар кандай амал менен эл оозуна алынып кадыр сыйга ээ болгон бир да кейипкерди кезиктирүүгө болбойт. Демек, мээнеткечтик адамдарды айырмалап баалоонун эң катаал чен-өлчөмдөрүнүн бири. Анткени, элдик түшүнүктө эмгексиз адам катары ырыс кешиктүү, абийрлүү жашоо кечирүү мүмкүн эмес: «Эмгеги аздын – өнмөгү аз», «Эмгексизге ыракат жок», «Бекерчиге күн батпайт», «Эмгексиз дыйкандын күнү өтпөйт», «Жаткан уйга чөп жок», «Эмгектен качсаң – дөңгөккө», «Эмгекти көрбөгөн – ыракаттын кадырын билбейт», «Жалкоонун тамы да жыртык, меши да кыйшык», «Эмгектүүнүн наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу» деген макалдар эмгексиз эч кандай натыйжага жетүү мүмкүн эмес деген ойду камтыйт [34, 36]. Макалдарда кишинин ким экендиги иши менен өлчөнүп бааланат: «Иши жоктун, ашы жок», «Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт», «Жигиттин түсүн айтпайт, ишин айтат», «Жакшы ишке келет, жаман ашка келет», «Эмгекти сүйбөгөн адам, – эси жок наадан», «Куш канатсыз, адам эмгексиз жашай албайт», «Эмгек – эрдин көркү, Эр – элдин көркү». Бул чен-өлчөм эл ичинде азыр да күчүндө. Айылга жаңы келген келиндин кандай адам экендигин билүү максатында көбүнесе «Кылган-эткени кандай экен?» деген суроо беришет.

Кыргызда «Таяк тайга жеткирет, тай атка жеткирет» – деген макал бар. Мааниси «Эмгек эрезеге жеткирет», «Кыбыраган кыр ашат», «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң»-деген макалдар менен тектеш. Таяк койчумандык кесиптин символу. Койчу болгон адам акысына тай алып, анысы бара-бара атка айланат. Демек, адал эмгек кылган адам акыры астында минээр атка ээ болот, эл катарына кошулат.

КОРУТУНДУ

Дүйнөдө өзүнүн түптүү маданияты жок эл болбойт, болгон да эмес. Жер жүзүндөгү ар бир эле улут көз жарган мезгилинен баштап тарыхый тажрыйбалардын негизинде урпактарынын руханий байманасын өркүндөтүү багытындагы акыл ойлорун ишке киргизип эреже салтка айландырууга умтулуп келген. Ошентип байыркы бабалардын турмуш практикасынан жаралган каада-салттар, үрп-адаттар эчен муундардын акыл элегинен өтүп улам жаңы турмуштук жагдайларга ылайык байып, өнүгүп олтуруп, өрнөктүү жашоонун мыйзамына таасын эрежесине айланган.

Кыргыз элинин салттуу педагогикалык дүйнө таанымында адеп сөзүнүн маани-маңызын туюндурган бир катар сөздөр бар. Кыргыз тилинде «ак» жана «кара» деген сөздөр жакшылык менен жамандыктын символу болгондуктан күндөлүк турмушта «ак эмгек», «ак ниет», «ак жүрөк», «ак жолтой», «ак жүздүү», «ак нике», «ак той», «ак көңүл», «акка баш ийүү» сыяктуу адептик түшүнүктөр көп колдонулат.

Бардык элдер сыяктуу эле адептик-этикалык маданияты өз ичинде көп кылымдык рухий практикалык тажрыйбаларды камтыйт жана көп кырдуу. Алар өз ичине балдарды меймандостукка, мекенчилдикке, элчилдикке, улууларды урматтоо, башкаларга акыл эстүүлүк, жакшы ниет тилекте болуу, кичи пейилдик, боорукердик, сылыктык, жөнөкөйлүк, ынтымак-ырашкерлик, жоомарттык, кең пейилдик, толеранттуулук, адилеттүүлүк, чынчылдык, уяттуулук, калыстык, сабырдуулук сыяктуу сапаттарга тарбиялоо сыяктуу баалуулуктарды камтыйт. Дүйнөнүн бардык элдери сыяктуу эле кыргыздар инсандын инсандыгын мекенине элине карата мамилеси менен баалаган. Кыргыздар оозеки чыгармалар жана турмуштук салттар аркылуу элчил адам гана эстүү, алдуу, кубаттуу болоорун бекемдешкен. «Атанын уулу болбосо да, элдин уулу болсун» – деген макал үй-бүлөдө балдарды мекенчилдикке тарбиялоонун максаты жана натыйжасы катары каралган.

Кыргыз эл педагогикасында жаш муундарда улууларды урматтоо маданиятынын калыптанышы алардын адепнарктуулугунун, жакшы таалим-тарбия алгандыгынын эң негизги көрсөткүчү болгон. Улууларга карата урмат-сый обол өз ата-энесинин кебин эки кылбай, айткан насаатын, баштаган жолунан чыкпай жашоо, эне сүтүн, ата мээнетин актоодон көрүнөт. Кыргыз эл педагогикасынын эрежелерине ылайык балдарды салттык маданиятка үйрөтүү коом мүчөлөрү менен өз ара мамиле түзүүнүн маданиятын үйрөнүүдөн башталат. Көчмөн кыргыздардын меймандостук салты адамдар менен алака-катышты бекемдөө, адамдарды сүйүү, алар үчүн камкордук жасоого аракет кылуу, алар менен ырыскысын тең бөлүшүү сыяктуу гуманисттик баалуулуктарга негизделген. Кыргыз элине таандык бардык мурастарда алардын балдарды тынчтыкты жана толеранттуулукту аздектөөгө үйрөтүү салттарын тастыктаган ойлор арбын учурайт. Кыргыз макалдарынан баштап эпосторго чейин жаштарды жамандык жасаган адамга да жакшылык менен жооп берүүгө тарбиялоо ошол нук менен калк арасында кең пейилдиктин чектерин кеңейтүү идеялары бекемделет. Жаштарга жамандыкка жакшылык жасоо акылмандыктын, бийик рухтун, эрдиктин белгиси экендиги дамамат эскертилет.

Кыргыз эл педагогикасында эчен кылымдык турмуш сыноосунан өтүп, элдин коомдук жашоо турмушунун кодексине айланган, азыркы эгемендүү Кыргызстандын бүтүндөй элин ынтымак ырашкерликке тарбиялоо үчүн программалык күчкө ээ акыл тажрыйбалар арбын. Кыргыз макалдарында балдарга досу жок адамдын абалы аянычтуу болуп, мындай адамдардын жашоосу кыйынчылыктар менен өтөөрү белгиленет. Тең чамалаш балдарды дос кылуунун шилекей алышуу, чырпык кыркышуу, чыпалактын канын сорушуу, туз жалашуу, нан кармашуу сыяктуу салттары болгон. Элдик оозеки чыгармалардын бардык үлгүлөрүндө инсандык бийиктик «намыс», «ар» жана «бедел» деген түшүнүктөргө түйүндөлүп уул балдардын намысы менен бедел наркы улуттун, эл-журттун намысы менен туташ биримдикте каралат. Эл «Чын айтып зыян тарт, жетээрсиң мураска, калп айтып пайда тапсаң калаарсың уятка» деп балдарды ачык айтып ак сүйлөөгө үйрөтүүнү таалим-тарбиянын башкы принциби катары караган. Кыргыз тилинде жалган сүйлөгөн адамдарга карата «калпычы», «кыйды», «шыпыр», «жылпыш» деген мүнөздөмөлөр бар. Кыргыздарда ыймандык ыкыбал даражасы өтө жогорку бийик адамдар бул «Кара кылды как жарган калыс адамдар». Кыргыз тилинде мээримдүү боорукер адамдардын мүнөздөмөсү катары карата боору жумшак, боору тааныйт, боору билет, боору тартып турат, боордош, боору бир деген сөздөр көп учурайт.

Ата-энелер балдарга ак караны таанытуу адал жашоого үйрөтүү аларды кандай эмгек менен багып чоңойтуудан көз каранды болот деген ишеним менен «Биз силерди ак эмгек, пешене терибиз менен бактык, арам тамак жедирбедик» – деп силер да, «Ак ойлоп, адал иштегиле» деген накылды зээндерине уютуп келишкен. «Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт» – деген чен-өлчөм кыргыз элинин салттык педагогикалык маданиятында азыр да күчүндө. Сунушталган эмгекте аталган маселенин бардык тарабы камтылды деген ойдон алыспыз. Кийинки изилдөөлөрдө макалдар, мифтер, эпостор жана азыркы жазуучулардын көркөм чыгармалары балдарды адеп – ахлакка тарбиялоо боюнча элдик акыл ой жана тажрыйбаларды таанып билүүнүн булагы катары өз өзүнчө колго алынышы абзел.

АДАБИЯТТАР

  1. Айтматов Ч. «Менин мекеним» макаласынан.//«Пионерская правда», 19-декабрь, 1978.
  2. Айтматов Ч. Балалык. – Стамбул, 2004.
  3. Ак бата. Колдонмо. (Түзгөндөр К.Жусупов, Ч.Өмүралиев). Б. 2003.
  4. Акматалиев А. Баба салты, эне адеби: Элдик салт.-Б., 1993.– 224 б. (80).
  5. Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. Б., 2000.-347 б.
  6. Акматалиев А. Каада-салт, үрп-адат, адамдык оңтерс сапат – Бишкек: Бийиктик, 2002. – 400 б.
  7. Акылман Калыгул: Ырлар, акыл-насааттар, даректүү баяндар, илимий-изилдөөлөр. Түз. С. Мусаев, А. Акматалиев. – Б.: Шам, 2000. – 272 бет.
  1. Алимбеков А. Кыргыз эл педагогикасында гумандуулукка тарбиялоо боюнча акыл ойлор, тажрыйбалар// Наука новые технологии и иновации Кыргызстана. 2017, №9 – 187-191 б.б.
  2. Алимбеков А. «Эр жигит» Түрк калктарында мекенчил уул балдарды тарбиялоонун идеалы катары// Эл аралык педагогикалык билимдер курултайынын материалдары.-Эскишаар, 2013 – 186 б (Түрк тилинде).
  3. Алимбеков А. Кыргыз элинин адеп маданиятынын константтык субстанциялары//Вестник ОшМУ. – 2017 – 5-11 б.б.
  4. Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы: Окуу куралы. – Б.: КББИ, 1996. – 80 б.
  5. Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасын изилдөөнүн актуалдуу милдеттери// «Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечеги» деп аталган республикалык илимий-практикалык конференциянын материалдары. КББАнын кабарлары, № 3, 2013.
  1. Алимбеков А. Таалим-тарбия терминдеринин чечмелеме сөздүгү /Алимбеков А, Комлексиз М, Челикбай А.– Б.: КТМУ, 2002.– 516 б.
  2. Алимбеков А. Улут тагдыры – туура уюштурулган таалим-тарбияда//Ж.Баласагын атындагы КМУУнун жарчысы. 2014. Атайын чыгарылыш. – 86-89 б.б.
  3. Алимбеков А., «Коркут ата китеби” – көөнөрбөс педагогикалык мурас//Шоокум журналы, 2008, 12-13 б.
  4. Алтай баатырлар (Алтайские богатыри). Том т II/ Горно-Алтайск: Горно-Алтайская типография, 1959. – 175 с.
  5. Арстанбек / түз. Б.Кебекова.-Бишкек:Кыргыз Энциклопедиясы, 1998. 5-144-б.
  6. Байгазиев С. Улуу «Манас» урпактарыбыздын дил жана тил бешиги – Бишкек, 1994. – 95 б.
  7. Байгазиев С.О. Кыргыздын улуу ойчулдарынын жана баатырларынын осуяттары – ата журт тиреги. Колдонмо. Б., 2008
  8. Бычков Ю.Жалбырак жана тамырлар/Советская культура. 1968, 20 июль
  9. Волков Г.Н. Этнопедагогика: Учеб. для студ. сред. и высш. пед.учеб. заведений. –2-е изд., испр. и доп. – М.: Издательский центр «Академия», 2000. – 176 с.
  1. Жусуев С. Мен билген Чыңгыз.Ырлар жана эскерүү.-Б.: «Бийиктик», 2008.– 52 б.
  2. Жусуп Мамай, «Манас». I –китеп, Ош, 1995
  3. Жусуп Мамай. 1 том. 464 б
  4. Закиров С. «Кыргыз санжырасы», Бишкек, 1996, с.171 б.
  1. Измайлов, А.Э. Народная педагогика: Педагогические воззрения народов Средней Азии и Казакстана [Текст] / А.Э.Измайлов. – М., 1991. – 400 с.
  2. Иптаров С. Кыргыздын жан дүйнөсү. (этнолингвопедагогикалык илик) Б.: 2012. 234 б.
  3. Иптаров. С. Адептик билим берүүнүн айрым илимий-методикалык маселелери: Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо. – Б., Аль Салам: 2012. 104-б.
  4. Исаков Б. «Эр Солтоной– кыргыздын улуттук баатыры» – Б.: 2012.– 165 б.
  5. Исаков, Б. Манастын жети осуяты / Б.Исаков. – Бишкек, 1997
  6. Исаков, Б. Санат сөз. 1-2-китептер / Б.Исаков. – Бишкек: Учкун, 2005.
  7. Калыгул Акылман Калыгул: Ырлар, акыл-насааттар, даректүү баяндар, илимий-изилдөөлөр. Түз. С. Мусаев, А. Акматалиев. – Б.: Шам, 2000. – 272 бет.
  8. Карасаев X. Накыл сөздөр: Тил казынасынан баян. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 368 б.
  9. Карасаев Х. Хусейин наама: (Баштан өткөндөр) _Б.: «Кыргызстан», 2001.– 485
  1. Клаус Всизс. Бешбармак: «Советтик Кыргызстан» газетасы 25 август, 1966.
  2. Култаева Ү. Б. Турмуш чындыгы жана көркөм образ. Макалалар, документалдык материалдар. – Б., 2008.– 88 б.
  3. Курманбек. – Жаныш, Байыш. Ф., «Кыргызcтан», 1970. (Кыргыз ССР илимдер Академиясы. Тил жана адабият институту). 384 б.
  4. Кыргыз тилиндеги арабизмдер. Этимологиялык сөздүк. Д. Мочоев, Ф. Аль-Дахер, А. Акматалиев. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Б., 1998 – 247 б.
  5. Кыргыз тилинини түшүндүрмө сөздүгү/ Ред. Э.Абдулдаев, Д. Исаев. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы, Тил жана адабият институту. – Ф.: «Мектеп», 1969. – 622 б.
  6. Кыргыз эл педагогикасы/ Түз. С.Иптаров. – Бишкек, 1998.
  7. Кыргыздар: он төрт томдук. IX том.-Б.: Бийиктик, 2011.-596 б.
  8. Макалек Өмүрбай уулу. Манастын акылы. Б.: «Улуу Тоолор». 2016. – 368 б.
  9. Манас үчилтигинин бириктирилген варианты, «Сейтек», IV, 1960,
  10. Манас эпосу. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. I-к. Ф.: Кыргызстан, 1978. – 296 б.
  11. Манас. С. Каралаевдин вариантында. – Фрунзе: Кыргызстан, 1984. – Т. 2.
  1. Манас. Ж.Мамай варианты. 1 том, 287 б
  2. Манас: С. Каралаевдин вариантында. – Фрунзе: Кыргызстан, 1984. –Т. 1.
  3. Манас: С. Каралаевдин вариантында. – Фрунзе: Кыргызстан, 1984. –Т. 1.
  4. Манас: С. Орозбаковдун вариантында. – Фрунзе: Кыргызстан, 1979. – Т.2.
  5. Манас: С. Орозбаковдун вариантында. – Фрунзе: Кыргызстан, 1979. – Т.1.
  6. Махмуд Кашгари. Түрк тилдеринин сөздүгү – Дивану Лугати ‘т-түрк (Түркий тилдер сөз жыйнагы) Которгондор: И. Абдувалиев., Т. Ахматов., Оморов А., Султаналиев И., Толубаев М.-1 –том. ЖалалАбад. 2016.– 435 б.
  7. Молдалиев А. Байзак баатыр . – Бишкек, 1993.
  8. Молдо Кылыч. Казалдар.- Фрунзе: Адабият, 1991.256 б.
  9. Муканбаев Ж. Эл ичи – өнөр кенчи: Публицистикалык очерктер. – Ф., 1990. – 224 б
  10. Мухаррем Эргин, «Коркут ата китеби», Анкара, 2003.
  11. Орхон-Енисей тексттери. – Ф., 1982.
  12. Осмонов А. Шабдан баатыр. Б., 1992
  13. Осмонов А. Көл толкуну: Тандалган ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызстан, 1972. 372 б.
  14. Потапов Л.П. Конь в верованиях и эпосе народов Саяно-Алтая//Фольклор и этнография.– Наука, 1977, с. 160-170
  1. Радлов В.В. Образцы народной литературы северных тюрских пелмен. ЧастV, СПБ. 1885
  2. Сарт аке //Кыргыздар: 14 томдук. IХ том. – Б.: Бийиктик, 2011
  1. Семенов-Тян-Шанский П.П.. Путешествие в ТяньШань. М., 1946.
  2. Сыдыкбеков Т. Көк асаба: Тарыхый роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 464 б.
  3. Тоголок Молдо. Чыгармалар: 2-т. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 204 б.
  4. Шабдан баатыр; эпоха и личность: Документы и материалы. Б., 1999. 227 С.84.]
  5. Ыйман жарчылары: Б.: Турар, 2017.– 304 б.
  6. Эр Табылды. Актан Тыныбековдун айтуусунда. Б. 2002. 287 б.
  7. Geldiyev, Gurbandurdı ve Annamurat Altıyev, 2002, Türkmen Nakılları ve Atalar Sözı, AKM yay.: Ankara. Hasan, Hamdi, 1997, Makedonya ve Kosova Türklerince Kullanılan Atasözü ve Deyimler, TDK yay.: Ankara.

 

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАЛЫК САЛТТАРГА КАЙРЫЛЫШЫ

РУХАНИЙ ЖИБЕК ЖОЛ,

ЖЕ КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Ар кандай чыгармачыл адам, мейли ал жазуучу болсун, мейли сүрөтчү болсун, мейли музыка жаратуучу болсун, сөзсүз түрдө өз элинин, белгилүү бир улуттун өкүлү болуу менен ошол өзүнүн катыштыгы бар элдин жана улуттун салттарынан өнүп чыгат. Бул же тигил чыгармасын жаратууда билинип да, билинбей да, атайын максат менен да, атайын максат койбосо дале канындагы жана таалим-тарбиясындагы өзү курамында болгон элдин салттары ага ар кандай жол менен өтүшүп турат. Мунун ичинде ошол элдин улуттук педагогикасы да сөзсүз болот. Бул көрүнүштөн, албетте, Чыңгыз Айтматов обочодо турбайт. Ал элдик тарбиялык салттар адамдардын турмушуна активдүү аралашып, советтик илимий педагогиканын таасири менен кыргыз элдик педагогикасы балдарды тарбиялоого эки жактан кошулуп аткан мезгилде чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаратты. Түпкүлүгүндө классикалык маанидеги педагогика менен кыргыз элдик педагогикасында өтө көп жакындыктар, бири-бирине принциптери, тарбиялоо каражаттары менен дал келген учурлар болгон менен алардын ортосунда бир катар айырмачылыктар да учурайт. Ч.Айтматов көп чыгармаларында элдик педагогиканын нускаларына таянып, аларды чыгармаларынын структурасына, образдар системасына аралаштырат жана дал ушунусу менен өзүн накта улуттук жазуучу катары демонстрациялайт.

Эгерде жазуучунун бүтүндөй бир чыгармасын боз үй деп эсептесек, ошонун кереге-ууктары ар түрдүү булактардан куралат. Бир булагы – элдик таалим-тарбия салттары. Ушундай таалим-тарбиялык салттарды чыгарманын көркөм-эстетикалык курамынан алып салсак, анда жанагы боз үй шалдырып күбүлүп түшөт. Ч.Айтматов: «Кыргыз элинин улуу эпикалык традициясы баа жеткис руханий байлыкка жатат. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган» – деп айтып келет да, «Биздин улуу Сөздөн кыналган, Ойго терең көркөмдүк жана дүйнө таанымдын күчү, келберсинген даркандыгы эс талгыдай эле баео бабаларыбыздын мурасы Египет пирамидалары сыяктуу муундан муунга калуучу байыркы, урагыс жана табышмактуу маданий эстелик» экендигин белгилейт[1]. Мына ушундай ыңгайдан караганда кыргыздардын байлыгынын башаты сөз эле. Ар бир чыгармасын сөз менен шөкөттөп, сөзгө таянып гана иш жүргүзгөн. Ошол сөздөн куралган чыгармаларынын бирден бир максаты балдарды, жаштарды, деги эле адамдардын баарын тарбиялоо болгон. Бул максат кийинки профессионал жазуучулар тарабынан да улантылып, алар элдик педагогикалык салттарды көрсөтүү менен өз чыгармаларынын элдүүлүгүн, нарктуулугун, салмактуулугун ашырган. Андай сүрөткерлердин эң алдыңкы сабында, сөз жок, Чыңгыз Айтматов турат. Бул макалада ошол өңүттө жазуучунун айрым бир чыгармалары талдоого алынат. Жазуучу өзү байыртадан келаткан элдик оозеки мурастарды «руханий жибек жол» деп айтат[2][3]. Андай болсо ошол руханий жибек жол тууралуу сөз кылалы.

I. КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТААЛИМ-ТАРБИЯЛЫК САЛТТАРЫ ЖАНА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ФЕНОМЕНИ

  1. Элдик тарбиялоо салттары жана жазуучу

Бүгүнкүдөй «пародаксалдуу кырдаалда, бир жагынан, улуттук илимге болгон текебер кайдыгерлик атмосферада, экинчи жагынан, жекече индивидумдардын биринен-бири өткөн чыгармачылык изденүү шарттарында» (К.Асаналиев)[4]  биз Чыңгыз Айтматов феноменинин дагы бир жагына – анын чыгармачылыгындагы элдик тарбиялык салттардын чагылдырылышына кайрылып отурабыз.

Ырас, буга чейин эле айтматовтаануу бир кыйла бийиктикке көтөрүлгөн. Жазуучунун чыгармачылыгы боюнча адабияттаануу, тилтаануу, философия, социология, искусствотаануу, педагогика ж.б. илим тармактарында эң эле көп изилдөөлөр жүргүзүлүп, ал эмгектерди жазгандар да дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн жана улуттарынын окумуштуулары болгон. Азыр мындай бир караганда Айтматов тууралуу жаңы бир нерсени изилдеп чыгуу, анын чыгармачылыгы тууралуу мурда айтылбай келген ойлорду таап айтуу да кыйындай. Ошондой болсо да жазуучунун мааниси терең чыгармалары улам мезгил өткөн сыйын илимпоздорду жаңы кырлары, жаңы доор талап кылган «жашыруун» көрүнүштөрү менен өзүнө тарта берери табигый көрүнүш болуп калды. Мына ушул тереңирээк изилдегенбеген Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы бир көрүнүш – жазуучунун чыгармаларында элдик педагогикалык идеялардын колдонулушу жана аны азыркы адамдарды тарбиялоо процессинде пайдалануунун илимий-практикалык негиздери.

Ч.Айтматовдун чыгармаларын эң мыкты түшүнгөндөр кыргыздар болууга тийиш, себеби анда биздин ата-бабалардын руху бар, биздин турмуш бар, бизге алда канча жакын элдик философия бар, этнография, этнопсихология, этнопедагогика ж.б. этностаануу багытындагы илимдер изилдей турган объектилер – калктын жашоо-турмушу, ой жүгүртүүсү бар.

Биздин изилдөө жазуучунун бул же тигил чыгармасын бүкүлү (целостное) талдоо, ар тараптан ачып берүү милдетин аркалабайт, ага караганда бир топ конкреттүү максатты, тагыраак айтканда, ошол чыгармаларда кыргыз элинин тарбиялоо салттары кандайча чагылдырылгандыгын, элдик педагогика каармандардын жүрүш-турушунда кандайча көрүнгөндүгүн, тарбиялык салттар жазуучу тарабынан эмне максатта колдонулуп жаткандыгын көрсөтүү милдетин алат. А бул бир топ татаал, кандайдыр бир даражада адабияттаануунун алкагынан чыгып, этнопедагогика, этнопсихология, этнография сыяктуу элтаанууга байланышкан илимдердин табылга-жыйынтыктарына да оошуп өтүп турууну талап кылган көрүнүш болуп саналат.

Ч.Айтматовдун алгачкы чыгармалары жарыяланып жаткан кезде, өзгөчө ал орус тилинде жазган автор болгондуктан жазуучу эне тилин жана кыргыз элдик салттарын жакшы билбейт деген пикирлер болгон, азырга чейин аны батышчыл сүрөткер катары караган көз караштар бар, биз изилдөөбүз аркылуу ошол пикирлерди төгүндөп, ал накта улуттук традицияларды жакшы билген жана көрсөтө алган жазуучу экендигин далилдөөгө аракет кылдык.

А.Садыков Кыргызстандагы айтматовтаануунун пайда болушу жана өнүгүшүн изилдеп келип, бул илимдин алдындагы милдеттеринин бири… «Айтматововеддерди тарбиялоо жумушун күчөтүү. Жазуучунун чыгармачылыгы боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоону уюштуруу»[5] экендигин белгилейт. Демек айтматовтаануу али да терең изилдөөлөрдү аткарууга жана жазуучунун чыгармаларын ар тараптан иликтөөгө алуу жумушун жүргүзө берүүгө милдеткер.

Сүрөткер катары Ч.Айтматов элдик таалим-тарбия салттарына кайрылууда төмөнкүдөй максаттарды коет:

  • Элдин кылымдардан бери колдонуп келе жаткан тарбиялоо салттарын бүгүнкү окурманга ачып берүү.
  • Байыртан түзүлүп, эл тарабынан эчен электен өтүп, мезгилдердин сыноосуна туруштук берип келген элдик педагогиканы таап чыгуу.
  • Элдин тарбиялык ишенимдериндеги оң сапаттар жана терс сапаттар менен азыркы адамдардын ыймандык, эстетикалык түшүнүктөрүн салыштырып көрүү.
  • Соңку жана мындан кийинки муунду өткөн доорлордон калган тарбиялык салттар менен таразалап көрүп, алардын оң жолго түшүшүнө традициялуу түшүнүктөр, эреже-нормалар менен таасир этүү.

Мына ошол көздөгөн максатына жетүү үчүн жазуучу төмөнкүдөй ыкмаларды колдонот:

  • Кылымдардан бери оозеки айтылып келген элдик адабиятты (фольклорду) көркөм чыгармаларында идеялык-эстетикалык максатын ишке ашыруу үчүн аракеттенип, ошол фольклорду таалим-тарбия берүүнүн бир булагы катары атайын максат менен пайдаланат.
  • Элдин көркөм чыгармаларга кирбей, жөн гана жакшы-жаман катары айтылып келген таалим берүүчү иш-аракеттерин, этикалык түшүнүктөрүн автордук баяндоолордо жана каармандардын речинде, ишмердүүлүктөрүндө чагылдырат.
  • Калктын таалим-тарбия берүүчү дидактикалык максатта айтылып келген нуска сөздөрүн – макал-ылакаптарын, санаттарын, табышмактарын поэтикасына киргизет.

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы жогорудагыдай элдик таалим-тарбия салттарынын чагылдырылышынын эки формасын билгилөөгө болот: биринчиси – көркөм чыгармаларында; экинчиси – сүйлөгөн сөздөрүндө, интервью, маектеринде, макалаларында. Биз булардын ичинен көркөм чыгармаларында чагылдырылышына көбүрөөк токтолууга аракет кылдык жана өйдөдөгү бөлүштүрүү так чегара сызыктары менен тосулбагандыгын, ал ажыратуу бир кыйла шарттуу экенин эскерте кетмекчибиз.

Жазуучунун чыгармачылыгы айтматовтаануунун жаңы мейкиндиктерин ачуу менен ал мейкиндикте адабият менен философияны, адабият менен лингвистиканы, адабият менен социологияны, адабият менен тарыхты, адабият менен логиканы, адабият менен психологияны, адабият менен педагогиканы, адабият менен табигый илимдерди айкалыштырган, илимдердин интеграцияланыш процессине жол салган өзүнчө бир көрүнүш жаратты. Мына ушул аспектиден караганда биздин изилдөөбүз адабият менен этнопедагогиканын айкалышынан, ашташынан азыктанып турат.

Чыңгыз Айтматовдун адабий чыгармалары канчалык терең, ар тараптуу изилденип жатса да, анын чыгармаларындагы элдик таалим-тарбия салттарынын чагылдырылышы өзүнчө бир чоң изилдөөнүн объектиси болгон жок. Мунун бир нече себептери бар:

Биринчиси, этнопедагогика илим катары жакында гана пайда болуп, анын принциптери өтө кеч иштелип чыкты.

Экинчиси, советтик илим тармактарынын ичинде адабияттаануу менен этнопедагогиканы интеграциялоого анчалык маани берилбей келди.

Yчүнчүсү, советтик тоталитардык системада улуттук баалуулуктарды, анын ичинде эл педагогикасынын асылнарктарын көтөрүп чыгуу маселесине жашыруун түрдө тыюу салынган.

Төртүнчүсү, башка элдеги, улуттагы адабиятчылар, этнопедагогдор өз адистиктери жагынан канчалык илимдүү болбосун, алар үчүн кыргыз элдик таалим-тарбия салттарынын «тиши өтпөгөн» жактары көп болгон да, бул маселеге кайрылууну кийинки учурга калтыра беришкен.

Бешинчиден, жазуучунун этнопедагогикалык идеяларын бөлүп чыгуу, талдоо үчүн адабияттаануу гана эмес педагогика илиминин да табылгаларына таянуу керек эле, демек тема этнопедагог-адабиятчы болуунун зарылдыгын талап кылган.

Жогорудагыдай жагдайларды эске алып, биз мүмкүн болушунча Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогиканын салттары кандай чагылдырылгандыгын, андай учурлардын чыгармалардын көркөм-эстетикалык салмагын көтөрүүдөгү ролун көрсөтүүгө аракет кылдык. Ал эми аракет кандайча ишке ашкандыгы бул, албетте, башка маселе.

  1. Жазуучунун бала чагында ага таасир эткен элдик таалим-тарбия эрежелери жана алардын инсандын сүрөткер катары калыптанышындагы ролу

Жазуучу – коомдун ичинде жашайт жана ошол өнөрдү ошол коомдон, айлана-чөйрөдөн үйрөнөт. Коом адамга таасир этүү менен ал жанагы адамдын социалдык, моралдык, психологиялык климатын белгилүү бир багытка бурат. Бул жагынан алып караганда Ч.Айтматовдун балалыгындагы кылымдар бою кыргыз эли тарабынан балдарды асырап өстүрүү, эр жеткизүү, туура жолго салуу, этикалык оң сапаттарга үйрөтүү практикасында колдонулган, караламан калк тарабынан мезгилдер сынында кристализацияланган традициялар анын инсан катары калыптанышында жана ошол балалыкта калпып алган таалим-тарбия казынасын кийинки чыгрмаларында пайдалануусунда чоң булак болгон. Жазуучунун чыгармачылык ийгилигинин бир сыры – бала кезинде элдик салттар күчтүү сакталган чөйрөгө аралашкандыгы, б.а. тунук башаттан таалим алгандыгы.

«Калктын педагогикалык маданияты эл турмушунун бардык сферасы менен тыгыз байланышкан жана ал синтетикалык мүнөзгө ээ. Анын күчү мына ошондо», – деп жазат этнопедагог Г.Н.Волков[6].

Жазуучу Ч.Айтматов өзү да балалыгы тууралуу «Лите ра турная газетанын» кабарчысы В.Коркин менен диалогунда минтип айткан жери бар: «Адам мүнөзүндөгү прагматизм, рухий жармачтык, жүрөксүздүк, ойдун мажирөөлүгү сыяктуу сапаттардын негизинде эмне жатат? Албетте, балалыктын жардылыгы, кунарсыздыгы. Эгер адам өспүрүм же тестиер кезинде, же андан да мурдараак бүткүл өмүрү – өткөн чак да, учур чак да, келечек да даана ачылган адам рухунун бийик сересин жана эң бир толкундатуучу улуу мөнөттөрүн башынан өткөрбөсө, андан чыныгы личносттун өсүп чыгышы кыйын.

Ошон үчүн баланы тарбиялоодо аны аяп же эркелетүүнүн ордуна анын дүйнөсүн түшүнүп, мамиле этүү зарыл. Биз балалыктын дүйнөсүнө астейдил кунт коюп карай турган болсок, мүмкүн, өлбөстүк, түбөлүктүүлүк сыяктуу керемет сезимди баштан кечирээр элек…

…Адамда балалыктын сакталышы кандайдыр обочолонгон фантазия эмес, тескерисинче, ал келечек турмуш үчүн зарыл шарт. Балалык, менимче, адам духунун, чыгармачылыгынын, поэтикалык ажардуулугунун синоними. Бүгүнкү күндө «балалыктын, өспүрүм кездин жана жаштыктын» темасына кайрылуу адабий процесстин реалдуу фактысы болуп отурушу да мына ушуну менен түшүндүрүлөт»[7].

Акын, элдик агартуучу И.Гёте жазат: «Мен өзүм эмне кылдым? Не кылмак элем? Мен болгону нени көрсөм, уксам, байкасам, ошолорду жыйнадым жана пайдаландым. Менин чыгармаларым миңдеген ар кандай индивиддерди – түркөйлөр менен акылмандарды, акылдуулар менен акмактарды өзүнө сиңирип турат; балачак, жаштык, карылык – баары өзүнүн ойлорун, өзүнүн жөндөмүн, өзүнүн үмүт-тилегин, өзүнүн жашоо ыңгайларын кошту; мен көбүнчө бирөөнүн сепкем эгиндерин ордум; менин эмгегим – жамаатташкан эмгек жана ал Гете деген атка ээлик кылып гана калды»[8].

Мына ушундай аспектиден алып караганда ар бир инсан, анын ичинде сүрөткер өзүнүн балалык чагынан көп нерселерди сиңирип алат жана ошолордун ичинен этнопедагогика чечүүчү орунда турат.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы өспүрүмдөр жана балдар булар жөн гана ошол жазда негедир эрте келген турналардай согуштун айынан бул дүйнөнүн түмөн түйшүгүнө эрте аралашкан балдар, ошол эле кезде ошол балдардын бири катары анын баарын өз жонтериси менен сезип, өзү башынан өткөргөн автордун жеке өзү. «… согуштун жылдары Ч.Айтматов үчүн жөн эле унутулгус окуя эмес, жөн эле жеке тагдырдын катаал бир учуру эмес, ал баарынан мурда жалпы адамзаттык мааниси бар сабак, тарых. Албетте, бул жыйынтыкка, бул түшүнүккө жазуучу кийин келди. Ал эми согуштун жылдарында болсо ал Султанмурат, Анатайлардай болуп башка түшкөн не бир мүшкүлдөрдү көтөрүүгө аргасыз болду. Ошондуктан ал мүшкүлдөр, окуялар жаш баланын аң-сезимине эстен кеткис из калтырды. Жазуучу бул «эстен кеткис» окуяларга, турмуштук кырдаалдарга, кала берсе өзү көргөн, билген адамдардын тагдырына кийинчерээк көркөм чыгармаларында системалуу түрдө кайрылганы белгилүү. Мына ушунун өзүнөн эле согуш мезгили келечектеги жазуучунун башталгыч турмуштук позициясынын, түшүнүгүнүн, мындан да кеңирирээк айтсак, дүйнөгө болгон көз карашынын калыптанышына катуу таасир бергени талашсыз», – деп жазат филология илимдеринин доктору К. Асаналиев[9]. Ушундан айтар нерсе, согуш жылдарынын сабагына жазуучу мурда чыгармаларында «системалуу түрдө» кайрылып келсе, «Эрте келген турналарда» накта башынан аягына чейин согуш жылдарынын турмушунун азыркы адамды тарбиялоого кызмат кылчу эстетикалык, этикалык «сыр сандыгын» ачып иет. Өспүрүм курактагы өзүнүн көрүп-билгендери учурдун адамына, анын ыймандык тазалануусуна көмөк кылат деген ойдо болот, биз ушундай окуяларды баштан кечирип жашаганбыз, силер эми ошондон сабак-үлгү алышыңар керек деген моралын дал ушул «Эрте келген турналары» менен айтып алгысы келет. Жазуучунун өз сөзүн перифразалап айтсак, «эгер мен скульптор болсом, согуш кезиндеги өспүрүмдүн образын колодон жасоого бүт өмүрүмдү сайып коер элем», анткени алар согуш кезинин оор жүгүн көтөрүп гана калган жок, алар бизге элдик тарбия-таалимдин эң сонун традицияларын демонстрациялап берди, кыйын кырдаалда кылым карыткан кыргыз эли кандай оор күндөрдөн кандай оң сапаттар менен чыгып кеткендигин көрсөтө алышты. Айтматов дал ушул күчтү билген үчүн ошол жылдардын көркөм картинасын түздү. Ал жылдардын өспүрүмдөрү түнү кыргыз элинин оозеки чыгармалары менен азык алып, улуулардын «мындай кылсаң жакшы болот», «мындай кылсаң жаман болот», «бул – убал», «бул – наамарттык» деген тыюуларына, колдоолоруна сыйынып, ошолорду аткарып, улуу адам келатса урматтап, кичүү келатса ызаат кылып өсүштү. К.Асаналиев белгилегендей ал кезде кылымдардын кыргыздар үчүн окуу китеби, тарбия-таалим табар улуу энциклопедиясы болгон «Манас» дастанынын эң соңку уникалдуу айтуучусу Саякбай Каралаев тирүү эле. «…кыргыз маданиятынын тарыхында Саякбай менен Чыңгыздын кездешүүсү, бул эки көркөм дүйнөнүн, эки эстетикалык формациянын кездешүүсү, тогошуусу эле. Балким, бул кездешүү өзүнүн мазмуну жана жыйынтыгы боюнча көркөм маданияттын тарыхында өтө сейрек кездешкен, уникалдуу окуя.

Анткени, бул жерде сөз байыркы эпостун гиперболасы жана фантастикасы менен азыркы мезгилдин бийик реалисттик ой жүгүртүүсү, көркөм сөз каражаттары менен толук куралдаган жазуучунун бетме-бет кездешүүсү жөнүндө баратат, булар эки дүйнөгө, эки көркөмдүк формацияга тиешелүү экенине карабастан, бул эки окуянын ортосундагы демаркациялык чек, мезгилдик жана мейкиндик аралыктар жоюлуп, кандайдыр бир мааниде бул экөөнүн бир процесске бириккени, тутумдашканы жөнүндө баратат.

Каныкейдин Тайторуну чапканын, Алмамбеттин трагедиясын, Манастын, Аккуланын туулганын, Чоң казатты, Көкөтөйдүн ашындагы шаан-шөкөттөрдү, Айчүрөктүн аккуу болуп учканы сыяктуу байыркы доордун жандуу элестерин азыркы замандын өкүлү Ч.Айтматов манускрипттен, архивден же китептен окуп, таанып-билген жок, ал түздөн түз улуу Саякбайдын бир туруп каткырып күлүп, бир туруп боздоп ыйлап, ыр нөшөрүн төккөн искусствосу аркылуу билип тааныды. Сынчы В.Коркиндин «Манас» эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы деген суроосуна, Манасты укканда ыйлабаган кыргыз болбойт деген жооптун өзүндө эле, бул эпос канчалык байыркы болсо да, ал азыркы учур үчүн ошончолук жандуу көркөм окуя экени көрүнүп турат»[10].

Адабиятчы белгилеген ушул «сейрек кездешкен, уникалдуу окуя» Ч.Айтматовдун көркөм аң-сезиминде башка цивилизациялуубуз деген элдердин өкүлдөрүнө, айталык европалык, же америкалык жазуучуларга караганда элдик тарбия булактарына алда канча жакындатып, калк педагогикасынын эзелки доорлордон келаткан булактарынан кана ичирип турат. Анын чыгармаларынын тарбиялык күчү да мына ушунда.

Этникалык салттарда кыргыз үй-бүлөсүндө орчундуу роль баланы тарбиялоодо чоң ата менен чоң энеге жүктөлгөн. Мында ата-эненин парзы кыргыз үй-бүлөсүндө балага жакшы ат коюу. Айрым учурда улуттук салт боюнча балага ат коюп жатканда азанчынын көзүнө көрүнүп калган нерсени (Ташбай, Ташбек, Арчагүл, Тезекбай, Жылгабек ж.б.) ат кылып койгон учурлар бар, ошол эле кезде мындай аттарды ырымы кылып, балдары токтобой жүргөн үй-бүлөнүн жаңы төрөлгөн балдарына же болбосо бирөөлөрдүн сук көздөрү тийбесин деп ырымдап да коюшкан. Баланын аты кандай болсо анын турмуш-бактысы ошондой болот деп эсептешкен. Азан менен ат коюу – бул баланы алалдоо, анын адамдыгын расмий таануу. Мына ушунданбы, баланын Чыңгыз деген атын анын аталаш бир тууганы Рыскулбек акеси коюптур. Ал тарыхты мыкты билген, өз балдарына да өткөндөгү таанымал адамдардын ысымын ыроологон киши болгон экен. Демек Чыңгыз ханды – ааламдын жарымын каратып, ошол караткан жерлеринде өз тукумун бир нече кылымдар бою башкаруучу кылып калтырган кишинин ысмын койгондугу бул түрк элдеринин традициясын бекем уланткандык, ошол эле кезде баланын келечегине кандайдыр бир ишеним жараткандык. Бул өзү – Чыңгыз деген ат ошол мезгил үчүн өтө сейрек коюлган адам ысымы болгон. Анын үстүнө ал мезгилде Чыңгыз хан жалаң гана баскынчы, деспот катары каралчу да, анын прогрессивдүү жактары айтылчу эмес. Биздин оюбузча, Рыскулбек, анын айтканын макул көрүп кабыл алган наристенин ата-энеси Төрөкул, Нагима бул тарыхый личносттун адамзаттын прогрессиндеги ролун туура түшүнгөн болуу керек.

Ал жылдарда диний таасирдеги кыргыздар көбүнчө арабча аттарды ислам китептеринен алып, балдарын ошол мусулман дүйнөсүнө кеңири тараган ысымдар менен атоого өзгөчө маани берген. Мындай арабча атоолор, деги эле тилдеги арабизмдер XX кылымдын башында Түркияда да аябай көбөйүп кеткен. Мына ошондо Мустафа Кемал бийлик башына келип, жаңы мамлекетти негиздейт. Анын атын кантип атоо керек дегенде, бирөөлөр айтты: «Огуз Республикасы» деш керек деп, экинчилери айтты: «Осмон Республикасы» деш керек деп. Ошол кезде айрым маңкурттар тарабынан «түрк» деген сөз «эскичил», «караңгы», «артта калган», «билимсиз» деген маанилерде түшүнүлгөн. Тарыхты аңтара билген Мустафа Кемал жана анын идеялаштары дал ушул жерде болуп көрбөгөндөй рухий төңкөрүш жасайт – жаңы мамлекеттин аты «Түрк Жумурияты» деп аташат. Ошол жылдарда ал өлкөдө жалпы тил корунун лексикалык байлыгында көөнө түрк сөздөрү жалпысынан 38 пайызды гана түзүп, араб лексикасы 43, фарсы сөздөрү 13 пайызды ээлеп калган, демек эне тили кысылып отуруп, жок болууга кадам койгон. Муну үчүн тилдин сөз байлыгын түрктөштүрүү керек эле. Тынымсыз аракеттер, сөз табуулар жүрдү, көөнө сөздүктөр, китептер чыкты. Араб алфавитинен латынчага өтүштү. Жыйынтык жаман болгон жок – жарым кылым өтүп, лексикондогу арабизмдер 17 пайызга, фарсы сөздөрү 3 пайызга чейин кыскарды. Дагы элдик салттарга кайрылып, Мустафа Кемалдын демилгеси менен 30-жылдардын орто ченинде

Түркияда жаңы паспорттук эрежелерди киргизип, «бей», «ханум» деген маданияттуу кошумча кайрылуулар кишинин атына кошулду жана накта түркчө мааниси бар ысымдуу балдар жайнап кетти.

Мына ушул адамдарга ысым берүү салты, маданияты Чыңгыз Айтматов тарабынан чыгармачылык менен улантылат. Ал чыгармаларындагы каармандарын түркчө атап, элдик педагогикага негизденип, Султан (бийлик ээси, башкаруучу; өзүн бардык жагынын жогорку деңгээлде алып жүргөн таза инсан) + Мурат (келечегинин жакшы болушу), Мырза (жогорку даражада; жигиттин эң мыктылары) + Гүл (назик, элдин баарын өзүнө тараткан өсүмдүк), Алтын (кымбат баалуу асылташ) + Ай (Жердин жандоочусу, тазалыктын, сулуулуктун символу), Толгон + Ай (Айдын өтө кооз көрүнгөн, өтө жарык, тептегерек учуру) ж.б. атайт. Терс адамдарынын аты да өзүнчө мааниде. Мисалы, Базар (жапайы рынок) + бай ж.б.

Алигейдер Гашимов азербейжан эл педагогикасы тууралуу эмгегинде бул улуттун жаңы төрөлгөн балдарга төмөнкүдөй жакшы аттарды койгондугун белгилейт: кооз гүлдөрдөн – Рейхан (базилика), Наргиз (нарцисс), Кызылгүл (роза), Ясемен (василек), Лале (мак) ж.б.; асыл таштардан – Мирвари (жемчуг), Ягуд (яхонт), Зюмруд (изумруд) ж.б.; руханий сапаттардан – Инджа (нежная), Зариф (изящная), Летифа (деликатная), Камил (совершенный), Адил (справедливый), Гахраман (герой), Горхмаз (храбрый) ж.б.; асман телолорунан – Улдуз (звезда), Гюнеш (Солнце), Зохра (Венера) ж.б. Жалпы аттар энчилүү ысымдарга айланганда эстетикалык мазмунунун байлыгы менен айырмаланат: гүлдөрдүн жыпар жыты жана ажайып кооздугу, жылдыздардын жаркырашы, Ай нурунун төгүлүшү, асыл таштардын жылтыры ж.б. Элдик түшүнүк боюнча кимдин аты жагымдуу болсо, анын өзү да жагымдуу болгон[11].

Ушундайдан алып караганда азербейжандар менен салты-санаасы бир кыргыздардагы Чыңгыз деген ысым да калк маданиятынын казанынын суурулуп чыккандыгы анын өмүрү, чыгармачылыгын изилдөөчүлөр тарабынан сөзсүз айта кетүүчү факторлордон болуп эсептелет.

«Балалыгымдын башталыш курагын чоң энем Айымкандын жаркын элеси менен энчилеш эстейм. Ал киши башкача бир инсандык касиеттерге ээ болуу менен айылдагы зоболосу зор, акыл-парасаты тунук, кудай өзү ыроологон тубаса билимдүү адам эле. Атам да андан көп нерсени үйрөнүптүр жана дайымa ошондой энеси бар үчүн сыймыктанып турчу. Чоң энемдин башынан ак элечеги түшчү эмес. Биздин калк каадасына караганда мындай элечекти бир үйдүн нарктуу-салттуу байбичеси гана кие алат эмеспи. Элечек аны кийген чоң энеме ушундай сонун отуруп, чырай-турпатына жагымдуу жарашып калчу да, ал кишини андан бетер сүйкүмдүү, андан бетер сүрдүү көрсөтүп турар эле», – деп жазат Ч.Айтматов[12]. Демек болочок жазуучу жана анын атасы Төрөкул Айтматов үчүн Айымкан чоң эне тарбиялоонун элдик казынасынын сактоочусу жана аны кийинкилерге өткөрүп берүүчүсү болгон. Тубаса билимдүүлүгү бул жөнөкөй гана түшүнүк эмес, мында эмприкалык элдик билимдер тууралуу ой баратат. Кыргыздардын космос тууралуу түшүнүктөрү, жылдыздардын кыймылы, жылдын жаанчыл же кургакчыл болушун, кыштын узак же кыска келишин аныктаган жөнөкөй астрономиялык билимдери, боз үйдү куруудагы колдонгон архитектуралык жана математикалык эсептөөлөрү, көп ооруларды айыктара алган калк медицинасы ар дайым турмушунда колдонулуучу зарылдык эле. Ошол сыяктуу эле илимий жактан жыйынтыкталбаган, бирок күндөлүк практикада апробацияланган педагогикасы калк арасына тараган.

Кыргыз салты боюнча баш кийим кийүүнүн өзүнчө наркы болгон. Элечекти көбүнчө нарктуу байбичелер, жумуш кылбай, акыл-наасатын айтып, балдарга баш-көз болуп отурган энелер кийген жана ал баш кийим ошондой адамдарга сөөлөт, кадыр-барк берген.

Демек Айымкан чоң эне сөздүн толук маанисинде болочок жазуучунун чыгармаларына элдин кылымдар бою келаткан салттарынын өткөрүүчүсү, көпүрөсү катары кызмат өтөгөн. Ал тууралуу жазуучу өзү кийин минтип эскерет: «Катсабаты ачылбаса да, өзүнчө бир керемет сыйкыр акыл-эс ээси болгон чоң энем элдик ырларды, кошокторду жана жомокторду аябагандай көп билчү. Балалыгымдын таттуу күндөрү ошол чоң энемдин мээрими менен өттү»2.

Кыргыз турмушунда ошол катсабаты жоюлбаган, илимий билимдерди китептен окуп билбеген, турмуштан үйрөнгөн адамдар накта педагогдор – окутуучулар жана тарбиячылар болгон жана алар сөздүн түз маанисинде кыргыз балдарынын мектеби, институту, академиясы, ар кандай чыгармачыл ийримдери катары милдет аткарган. Ч.Айтматовдун эскерүүлөрүн андан ары окуйлу: «Бир жолу мезгил жай эле. Мен анда беш, же алты жаштамын.

Чоң энем мени өзү менен кошо жайлоого алып жөнөдү. Чубалжыган көч менен биз жайлоо таманга улам бийиктеп багыт алып баратабыз. Бул көч Шекердеги байыркы салтты улаган эң соңку көчтөрдүн бири болуп калды шекилдүү. Анда ал мезгилдеги колхоздоштуруу деген саясат көчүп-конуп күн өткөрүп келаткан калкты отурукташтырып бүтүп калган. Жай айлары башталып, эл аз болсо да малын, бала-чакасын алып, жапырт жакадан жайлоого көчкөн убак. Мына ушундай учурлар мен үчүн, айрыкча, менин балалык дүйнөм үчүн кайталангыс элестерди калтырды. Бизди, кичине балдарды, жайлоо өзүнүн не бир ажайып, не бир керемет дүйнөсүнө башбактырып, көч башталганда ар кимибизге ар кандай сонун ойлор, сезимдер келе баштачу. Боз үйлөр болсо төөлөргө, аттар менен өгүздөргө артыла жүктөлүп, күтүрөгөн жылкы үйүрлөрү менен, кой короолору менен талаа-түздөрдү басып өтүп, анан чокусу асман тиреп, жайы-кышы кары кетпеген ак тоого карай жөнөчүбүз. Көч жүрө-жүрө бийик ашууларды ашып, акыры салкын жайыттарга жетип, ошол жерди жайлоолоп жай алчубуз.

Көч кербени алдын ала жакшы ойлонулган атайын эрежелерге сөзсүз баш ийчү. Көчтөгү ар бир адамга байымдуу көөлүк жетип, ашуулардан асаныраак өтүүнүн амал-аргасы изделип, кыйын-кысталыш кырдаал боло калса, алды алынып, кыскасы, көч камы кылдат жана аяр уюштурулуп, ар бир учурга адамдар да, унаалар да камдуу турууга тийиш эле.

Анан жаңы көч келген конуш ошол жайда мурда башкалар конуп кетпеген жер болуусу шарт. Күн жылымык тарткан май айынын акыры келмейин чоң ашуулардан өтүп болбойт. Андыктан, жайлоого жол жайкысын гана ачылат. Бир метрден ашкан кар, муз менен чулганган тоо сегиз ай бою кыш каарын кармап, ушул калыбынан жазбайт. Сентябрдын аягы жана октябрдын башы келгенде кайрадан суук түшүп, эми дагы жайлоодо калууга мүмкүн эмес болот»[13].

Мына ушундай кыргыз турмушуна – байыртадан бери элден элге, уруудан урууга өтүп келаткан салтка балдарды атайын максат менен аралаштырган, бул биринчиден, табиятка балдардын жакын болуусуна шарт жаратса, экинчиден, элдин жашоо жагдайын терең үйрөнүүгө көнүктүргөн. Балдар кыргыз турмушунда чоңдорду ээрчип жүргөн пассивдүү байкоочулар эмес, алар активдүү таасирдеги тарбиялык объектилер болгон.

Табият менен кыргыздар кылымдар бою бирге жашап, боз үйлөрүн атайын көк чөп менен көк асман ортосуна, ал экөөнөн космикалык жана жердик байланыш алып, булакка жакын, шамалдан ыктоо, жайытка ыңгайлуу жерге тигишкен. «Жайлоо бул – бейиштин төрүндөй ажайып чөлкөм, – деп жазат жазуучу, бийик тоолордогу көкмөк шиберлер, түркүн түстүү гүлдөрдүн кооздугу бул эми өзүнчө бир кайталангыс керемет көрүнүштөр. Түбөлүк жаткан мөңгүлөр тараптан жортуп келген салкын, таза аба… Таштан ташка урунуп шаркырап аккан мөлтүр кашка тоо суусу… Ар кыл айбанаттар менен куштардын керемет үнү, очокко жага турган отундун ушунчалык көптүгү… Булардын эми кайсыл бирин айта аласың… Кыскасы, жайлоо деген адамга жашоосунда не бир эстен кеткис, айтып түгөткүс эң сонун күндөрдү тартуулайт.

Ооба, кыргыздар жайында улуу тоолорго боз үйлөрүн тигишет. Күз келери менен журттарын таштап, кайрадан кыштоого көчүшөт. Албетте, ашуу жабылып кала электе жакага үлгүрүү ылаазым. Кокус кыш эрте түшүп калса, кар жаап, жайлоодогулар кар көчкү алдында калып калуу коркунучуна кабылат. Мындай кар көчкүлөр адамдарды гана эмес, үйүр-үйүр карышкырларды да карап отурбайт, басып калат да, алардын баары кар көчкү алдында өмүрүн тамам кылат. Андыктан да, жайлоодогу шарылдап аккан дарыянын суусунун четиндеги муз каймактаганда дароо көчүп кетүү шарт»[14].

Көч тууралуу ошол билим, тажрыйбалары кийин анын чыгармачылык дүйнөсүнө кирди. Ушундай этнопедагогикалык чөйрөдөн таалим алып калган жазуучунун кийин Танабайдын ыймандык жактан тазалыгын көрсөтүү үчүн аны ата-бабалардын салтын сактоочу адам катары ачып берүүдө көч учурун да пайдаланат. Муну «Эртеси Торгойдун көчүн Танабай ашуунун белине чейин узатып кайтты»[15], – деген бир гана сүйлөм менен таамай тартып кетти. Окурмандар, өзгөчө чет элдик окурмандар муну байкабай калышы дале мүмкүн, бирок кыргыз турмушунда, көчүп-конуп чоңойгон, жаңы көчтү түшүрүшүп, үйүн тигишип, өрүлүктөп барган балдар мунун маанисин жакшы билет. Жаман көргөн адамдарды кыргыздар «көчүң оосун» деп каргаса, башка жакка көчүп бараткандарды «көчүң байсалдуу болсун» деп алкашкан, бата бергенде «көчүң узарсын», көчүп бараткандарга «улоо бели бек болсун» дешкен. Ч.Айтматов да бир тартылган штрих менен көчтүн ошол салттык-ыймандык критерийин жаңы замандагы тагдырына байланыштырып жатат.

Көчтүн өзүнүн байыртадан бери келаткан традицияларында «камы-чому түгөнгүс, түркүн тиричиликти бүтүрүш керек: тегирменге, базарга, өтүкчүгө барыш керек» деген бытовой маани-жайынан тышкары этнофилософиялык, этнопедагогикалык да терең мааниси, гуманисттик функциясы болот. Мына ошол элдик тарбиялык идеядан бир жолу тайып кеткен Танабайга карата Жайдар: «Жадегенде чаап барып, Чоронун ахыбалын сурап келсең боло. Көчөр алдында киши деген эл-журт менен көрүшүп, коштошуп кайтчу эмес беле»[16], – деген насаатын айтып, элдик педагогикалык ибаратты эсине салат. Дал ушул этнопедагогикалык салтты кандайча сактагандыгы менен жазуучу Танабайдын ошол учурдагы психологиялык кырдаалын, каарман катары мүнөз-аракетиндеги бурулуш учурду ачып берүүнүн ишенимдүү инструментарийин табат. Танабай ошондогу салтты тээп чыккан ыймансыз жоругунун кийин өмүр бою азабын тартып, ошого өкүнүп, мүнөзүнүн жарамсыз жагын ашкере демонстрациялайт.

«Жайлоого көчүү алдынан ар кандай руханий даярдыктар, ырым-жырымдар жасалчу… – деп баяндайт жазуучу, – ашууга бир күн калганда көч бир жерге чогулуп өргүү алат. Бул түн «шыкама түнү» деп аталат. Биздин кербен да бир күнү ошондой «шыкамага» чогулду. Кичирээк боз үйлөр тигилип, анын айланасында адамдар жылынууга от жагышты. Муз, кар басып жаткан көркөм да, сүрдүү да тоолор учу-кыйырсыз узарып кете берет. Бул учурда адамга бир гана ой келет, эртең ашууну кантип ашып алар экенбиз деген. Yйүр-үйүр мал да ушул гана ойдун жетегинде болгондой, түндү коштоп, тынч жуушап жата берет. Адатта, мындай күндөрү малга бирөөлөр көз салып турбаса, от кууган немелер туш келди жайылып, тарап кетет. Ал эми айлана-чети жалаң аска-тоо менен курчалган чаптуу жерде мал да апкаарып, абайлап, бири-бирин эш тутуп жыла албай туруп калышат. Карыялар болсо, мейли алар байбиче болобу, же аксакал кары болобу, отту тегеректей орун алып, ар түркүн ырларды ырдашат, дуба окушат, жомокторду айтышат.

– Мына, ашууга да келип калдык. Баарыбыз – малжан, катын-бала түгөл ушундабыз. Күн нурун көрүү үчүн жайлоого чыгабыз. Ашуудан кийин жашыл шибер, тунук булак бизди күтүп турат. Биз ал жакта жайлагыбыз келет, – дегендей каалоо-тилектерин ортого салат.

Ашуулардын колдоочу жана ээлерине болсо:

– Бизге тоскоол боло көрбөгүлө! Yстүбүзгө жамгыр тытмалап ургулабасын, бороон сокпосун! Жөө туман же асмандан түшкөн булут менен көзүбүздү тосуп салбасын! Биз бул тоолорду, жайлоону жаныбыздан артык көрөбүз! Балдарыбызга бак бере көр! Мал-жан жайлоого сак-саламат, түгөл жетсин! Кайра кайткан жолубузда да бөөдө кырсыктан коруй көр! Бардык кыйынчылыктарды бул жакка таштагыла! Малга көк шиберден ооз тийүү насибин буйру! Биз куштардын үнүн угуп, жайлоодогу боз үйдүн түндүгүнөн күндүн нурун тиктегибиз келет! Теңирим, сага шүгүр кылабыз, ушул ашуудан аман-эсен өткөрө көр?! – деп жалынып-жалбарышчу.

Кандай керемет кептер! Кийин да көп ирет эле жайлоого бардым. Бирок, ошондогудай керемет сөздөрдү канча күтсөм да кайрадан кайталап эшите албадым…»[17].

Мына ушул керемет кептер кыргыз балдарын кылымдардан алып өткөн көөнө тарбиялык салттар болуп саналат. Табият менен адам бетме бет келет, кийин мындай адам менен табияттын бетме бет келүүсү «Эрте келген турналарда» кайталанат, анда табият (карышкыр) менен адам (Султанмурат) куду архаикалык дүйнөдөн чыгып келгендей беттешет да, бири-бирин качырып туруп калат. Мына ошондойдо кыргыз этнопедагогикасы боюнча эмне кылуу керек? Жалынуу, табияттан ырайым күтүү гана керек. Айтматов ашууда өзүнчө бир даяр элдик айтымдар (тилек, каалоо сөздөр) менен кишилер өздөрүн жубантканын, ашуу ашар эртеңки күнгө психологиялык жактан даярданганын, рухий-моралдык күч алганын айтып өтөт.

Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайында мамлекет жетекчилери жазуучуга бата берүү суранычы менен кайрылган кезде ал киши мындай бата берди:

Жайлоого чыгып барганда, акбатаны багыштап, табынабыз тоолорго. Кыштоого кайтып келгенде, акбатаны багыштап, табынабыз тоолорго. Кыргызымдын жөлөгү, түбөлүктүү өбөгү табынабыз тоолорго. Тоо болбосо – сууболобу, тоо болбосо – чөпболобу, тоо болбосо – малболобу. Тоо кыргыздарга буйруган.

Алатоого ата-баба жыйылган, Алатоодо тукумубуз уланган… Табынабыз тоолорго, кыргызымдын жөлөгү, түбөлүктүү өбөгү, табынабыз тоолорго.

Түбөлүк тур, касиеттүү Ала-Тоо!

Мына ушул Ысык-Көл…

Ысык-Көлдүн тунуктугу асмандан,

Ысык-Көлдүн тереңдиги Ааламдан,

Ысык-Көлдүн кенендиги Теңирден, Ысык-Көлдүн касиети Кудайдан, Толкундай бер, Ысык-Көл.

Тоо арасын жайкалта бер, Ысык-Көл. Түбөлүктүн күзгүсү сен Ысык-Көл.

Табынабыз, Ысык-Көлгө табынабыз, Сыйынабыз, Ысык-Көлгө сыйынабыз.

Акбатамды кабылдагын Ысык-Көл, Жакшылыкта, тазалыкта, тынчтыкта чайпала бер, толкундай бер Ысык-Көл! Табынабыз, Ысык-Көлгө табынабыз,

Сыйынабыз, Ысык-Көлгө сыйынабыз[18].

Мына ушундай тарбияны ал бала кезден канына, дилине сиңдирген. Деги эле бийик тоодо жашагандар ар бир ашуунун өзүнүн ээси бар деп санашат. Маселен, памирлик кыргыздар ашуу эси адамжапайы деп эсептеп келгендиги жөнүндө маалыматтар учурайт. Памирдин Мукур-Корумду капчыгайындагы кыргыз абышка Кадыр Токоевден В.Бианки жана А.Грюнберг жазып алган боюнча 1922жыл Али-Чор деген кыштактан жалындап жаштыгы толуп турган беш жигит жана бир аял жолго чыгат. Алар эки күндүк жолдогу Токто-Мыш деген бир кыштоого барышмак. Жол экөө, бири – түзүк жолу, алысыраак, үч күн жүрмөй, экинчиси, кыйын, ээн жана кыялары шагылдуу, бадалдарды аралап өткөн жол Чеч-Төбө аркалуу өтөт да, кыйла жакындык кылат, эки күндө эле жетесиң. МайдаКара кыштагындагылар Чеч-Төбө аркылуу жүрүүгө тыюу салат, ага көнбөй кете беришет. Чын эле Белес ашуусуна жеткенде аларга жапайы адам – гүлбиябан жолугуп, буларды өткөрө койбойт. Алтоо тең ат чапкан бойдон кайра артына кайтат. Кийин ошондогу алтоо тең азаптуу ооруга кабылат, ичиндеги жалгыз ургаачы Турсундун боюнан түшүп, ошол бойдон туубас болуп калат[19].

Мындай фактылар көп болгон. Демек, ар кандай жаратылыштын сырдуу жерлери сыяктуу эле ашуулар да адамдар үчүн ыйык, булгангыс, колтийгис нерсе катары кастарланып жүргөн.

Адамдын табиятка жандуу катары кайрылуусу, эл ичиндеги тотемдик жана анимисттик түшүнүктөр бул жаратылыштын өзгөчөлүктөрүн, сырларын билбегендиктен гана эмес, бул нарктуу салтты улагандыктын да бир көрүнүшү. Эгер ошол салттуу этноэкологиялык тарбия болбогондо кыргыз табияты эчак эле тозу чыгып, жайлоолор какыр жерге айланмак. Андыктан да ошол этноэкологиялык тарбияга беш-алты жашар балдарды атайын аралаштырып, андан рухий көрөңгө ала берсин дешкен.

Мында чечүүчү фактор балдар кайсыл элде, кайсыл жерде жашаган уруу-улутта тарбия алып жатканына да байланышкан. Европа шаарларындагы балдар үчүн ашууга жалынуу, ал жерде «шыкама түнүн» өткөрүү деген нерсе түштөрүнө да кирбейт. Ал эми, айталык, «чукот этнопедагогикасында башкы нерсе балдарды альтруизм сезиминде тарбиялоо, ал балдардын бир туугандарына болгон сүйүү менен байланышып, эгоизм катуу айыпталат. Эң биринчи эмгек көндүмдөрүнө балдар балык улоо кезинде ээ болот. Балдар кармап келген балыгынын көбүн башка кепедегилерге таратып берип, эң аз бөлүгүн гана өз үйбүлөсүнө алып келген. Демек аларда тамак-ашты жамааты менен пайдалануу тууралуу ою эң эрте жашынан калыптанат»[20]. Ошондой эле «балык кармап, тери ашатып, бугу жайып, ууга чыккандарга азык камдап Түндүк элдеринин балдары жаш чагынан болочок турмушуна кам көрүп гана калбастан ошондон духовный байлык топтогон»[21].

Мына ошондой духовный байлык топтоонун бир булагы катары кыргыз баласы үчүн жайлоо чоң ролду ойногон.

Мына Ч.Айтматовдун балалыгынын жайлоолору: «Баарыбыздын боз үйлөрүбүз тигилген. Ар журтта жыйырма-отуздан боз үй турат. Адатта жайлоого боз үйлөрдү тиккенде уруу-уруу, урук-урук болуп, кошуналашып, журтка конушчу». «Балдар тыным албай жылаңайлак чуркап ойношчу. Чоңдор да буга аябай ыраазы болушчу. Анткени алар балдарынын таза абадан дем алып, эркин ойногонун жан-дилинен каалашчу. Эч ким бизди тыйчу эмес. Көк асман да бизге айнек чыныны көмкөрүп койгондой таасир калтырчу. Айланада таптаза, мөлтүр суу агып, көк шибер кырчоону басат»[22]. Ушундай жайлоо бир гана малга ыктуу, малды жакшылып семиртүүнүн мекени эмес, жайлоо кыргыз адамы үчүн табият кырсыгына жамаатташып каршы туруунун, чогулушуп нарктуу кеп кууп, оозеки чыгармачылыкты өркүндөтүүнүн, балдарга ата салттарын биргеликте сиңирүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгүн ачып берген ыймандык, эстетикалык, патриоттук, денелик жактан тарбиялоонун кайталангыс мектеби болгон.

Бир жолу уу чөп жеп ичи жарылып өлгөн дондук зоот айгырдын ошол өлүмүнүн себебин жайлоодогу жылкычылар текшерүүчүгө орусча түшүндүрө албай койгондо аны кичинекей Чыңгыз түшүндүрүп берет. Муну үчүн акысына боз үйдөгү улуу адамдар балага кадимки чоң адамга берилүүчү устукан – жилик беришет. «Бир маалда ичкериге чакырышты. Чоң энем төрдө сөөлөт күтүп, мени сыймыктуу карап туруптур. Улуулардын бири мага майлуу жилик узатты:

– Сен аябай зээндүү бала экенсиң. Буерде болбогонуңда бу оруска түшүндүрө албай калмак экенбиз. Мынакей, алагой, сага устукан! – деди. Мен сүйүнүп жиликти алдым.

Мына менин алгачкы эмгек акым. Жиликти кармап, эшикке жүгүрдүм. Аны досторум менен бөлүшүп жеп койдук»2.

Балага устукан берүү – бул накта элдик тарбия, бул – адамдын эмгегин сыйлоо, баланы ошол эмгеги – тил билгендиги, котормочулугу үчүн – улуу адамдардын катарына кошуу. Кыргыз салтында устукандын чоң маани-мазмуну бар. Устукан улуу адамдар тарабынан сөзсүз жакшы ниетте берилген, көңүлү сүйгөн адамга берилген. Устукан алган бала, же жигит, же келин-кыз өзүнчө жооптуулукка ээ болгон, тигил устукан сунуп аткан кишидей зобололуу, инабаттуу болууга өзүн тарбиялаш керек болгон.

Элдик тарбияда өсүп аткан Чыңгыздын кылганы да салт боюнча туура болду, ал устуканын достору менен бөлүшүп жеди. Деги эле тамакты бөлүшүп жеш, ким мал сойсо, башка кошуналары, жакындары, бир конуштагылары менен тең бөлүшү кыргыз салтынын ажыралгыс атрибуту болгон. Мындайда «үлүш», «шерине», «өрлүктөө», «ууз кайнатуу» сыяктуу накта жайлоодо гана аткарылуучу, элди коллективизмге, гуманизмге тарбиялоочу салттар аткарылган.

Жайлоонун өз мыйзамдары, өз салттары болуп, аларды аткарууга адамдар мажбур эле. Мисалы, ал жерде саат жок. Андыктан убакытты да жазуучу байыртадан келе жаткан кыргыз салттары менен айткан учурлар бар. Мисалы, «Гүлсаратта»: «Ошентип экөө дагы эт бышымча жүрүштү»[23], – дейт.

Кыргыздардын мезгилдик түшүнүктү мал чарбачылыгы менен байланышта өлчөгөнүн Айтматов ыктуу колдонот да, ал чыгармада «мал төлдөөр», «төл телчигер», «кыркын бүтөр», «жан жыргатчу жайлоо» мезгили, «желе тарткан көч көчөр» деп жазат[24][25]. Балдарды да мына ушул мезгилдерге карата тарбиялап, мисалы жай мезгилинде жайлоо турмушуна, мал төлдөөр кезде сакманчылыкка, төл телчигер кезде козу-улактарды, музоолорду багууга, каралашууга, даяр турууга үйрөткөн.

Кыргыз балдары ар дайым мал менен бирге болуп, алардын жашоо-турмушу бүтүндөй чарбачылыкка байланып калгандыктан, балдарын да эң эле жаш кезинен малга жакын болууга, малга адам сыяктуу мамиле кылууга үйрөтүшкөн. Тотемдик, анимисттик түшүнүктөрдүн изи социализм мезгилинде да кадимкидей эле калк турмушуна аралашып калгандыктан Айтматов да андан аттап чыга албайт, тескерисинче, ошол элдик педагогикалык салтты атайын максат менен колдонот.

Танабай чабандыкка кетип, биринчи жолу кыш-күрөөдө, табияттын өтө оор учурунда, көчүп баратканда эң алгачкы мертебе кою төлдөйт. Бул – чабан үчүн өз убагында келбеген кыйынчылык болсо да элдик таалим-тарбияда чоңойгон Танабайдын кыздары эми кантип багабыз деп ыйлабай, же андан оолактап качпай, кайра «төл башы ар дайым сүйкүмдүү эмеспи» деп сүйүнүп калат. Байыркы салтты улай Танабай: «Артың майлуу-сүттүү болсун! Сени ээрчиген козуларыбыз көп келип, көптүгүнөн жер майышсын, калың үнүнөн кулак тунсун, ылайым, Чолпоната, өзүң колдо, мына төл башың! Койчунун мээнетин колдо»1, – деп жалынып, жакшы тилек айтып, «козуну койнуна катып», коюн андан ары айдап жөнөйт. Ушул сөздөрү менен ал тигил жанындагы кыздарына таасир этип, аларды алгачкы төл болгондо эмне кылуу керектигин жана малга кандайча мамиле кылуунун көрсөтмөлүү сабагын өтүп, ырым сөздөрүн айтты. Койдун пири Чолпонатага жалынышы, элдик түшүнүктөгү ыйык тотемге өзүң колдо деп жатышы, жараткандын алдында адамдын алсыздыгы жана алардын колдоочу пирге баш ийген ыймандуулугу болуп эсептелет.

Кыргыз салтында төл башы малдын өз ырымы аткарылган, ошого карап кийинки малдар тууйт жана көбөйөт дешкен.

Элдик педагогикалык салттарды жазуучу атайын көрсөтүү менен азыркы адамдардын ыймандык сапаттары менен ата мурастарын таразанын эки табагына салып көрөт да, кайсыл жак оордук кыларын тартып берет. Эскилик унутулуп, жаңылык башкача өңүткө ооп бараткандыгын этникалык эреже-нормалардын критерийи менен карап көргүсү, ошолор аркылуу салмактап тарткысы келет.

1 Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, Б.: Шам:

  1. – 198-б.

Ушунчалык оор акыбалда, сарайы кулап, койлору биринин артынан бири төлдөп, өздөрү ооруп турганда Жайдар ачуусу жанын чыгарып аткан Танабайга жана анын жанындагы сакманчылардын алдына таза дасторкон салып, колуна жылуу суу берип, «пиалага омуруп сары май салат»[26]. Бул көрүнүш накта элдик тарбиянын бир көрүнүшү. Адамдын ачуусун басуу үчүн да, жаман кабар айта тургандай абалдагы чабарман үчүн да, кызынын колун сурап келген жуучу үчүн да, деги кандай гана адам болбосун, кандай ниеттеги киши болбосун кыргыздар алардын алдына эң биринчи ак сунган, анан сары май койгон. «Сары майдан сөзсүз ооз тийиш керек, ансыз саргайып каласың» дешет элдик педагогдор. Жаңы төрөлгөн баланы да эң алды сары май менен оозандырат. Бул жерде сары май – тамак, азык маанисинде гана эмес, ал символдук мааниде, жакшылыкка жетүүнүн жолу болгон. Сары май азыркы медицинанын айтуусу боюнча адамдын ички организминдеги микробдорду айдап турган дары катары колдонулган. Сары май жазуучунун балалыгында өзгөчө мааниге ээ болгондуктан ал турмуштун бир символу катары кийин Жайдардын мүнөз-образын ачууда колдонулуп кетти.

Кыргыздардын жайлоо турмушу, мал чарбачылыгы менен байланышкан дагы бир этнопедагогикалык салты – сатылган малдын ноктосун, жүгөнүн, тушоосун, жибин, башбоосун башка бирөөгө бербегени. Муну алар ошол байланган нерсе менен оомат оошуп, ырыс жугушуп кетет, мындан кийин малы көбөйбөй калат деп түшүндүрүшкөн. «Гүлсарат» повестинде Танабай да Гүлсарысын колхоз башкармасына деп кыйнап алып кетип жатканда дал ошол салтты сактап башбоосун бербейт[27]. Мына ушундай накта кыргыздар гана түшүнө турган элдик этикалык колоритти жазуучунун эң көп аудиториясын түзгөн европалык окурмандар түшүнбөй калбасын деп кошпой койбойт, тескерисинче, атайын кошот да, ошол этнографизм, этнопедагогизм менен тиричиликтик базага сүңгүп кирип, повесттин көркөм структурасын ишенимдүү жана таалимин таасирдүү кылууга жетишет. Бул элдик салттар аркылуу эл балдарды ата-бабалар ырым-ырасымын сактоого үйрөтүп келген.

Чыңгыз Айтматовдун балалыктагы таалим-тарбиясында анын атасынын өзгөчө орду бар, ал киши белгилүү мамлекеттик жетекчи, сабаттуу, билимдүү, маданияттуу, өз ишине берилген адам эле. Жамбылдагы Олуяата аттуу орус мектебин бүтүргөн, тагдыры татаал да, тарбиялуу да инсан катары жашап, артында из калтырат. Чыңгыз-бала анын кайырчыларга адамгерчиликтүү мамиле кылганын, сурамчы-тилемчилерге акча берип жүргөнүн көрүп өстү. «Бир ирет атам менен Анжианга жөнөдүк, – жазуучу 1934-жылдыгы окуяны ушинтип эскерет, – мен үчүн бул сапар унутулгус бир окуя болгон. Анжиан – ошол мезгилде Фергана өрөөнүндөгү эң ири шаарлардын бири эле.

Жол аябай узак болду. Биз улам-улам тыныгып, анан кайра жүрүп отурдук. Жол ката көп адамдар атам менен бир нерселерди сүйлөшүп, андан масылаат сурап атышты. Элдин жашоо жагдайы ушунчалык бир аянычтуу, оор мезгил эле. Кандай гана суроолор берилсе да, атам алардын баарына үмүттөндүрүүчү жоопторду берип, кеңешин айтып отурду. Көпчүлүк калк агезде жаңыча жашоо-турмуштун түпкү маңызын түшүнө албай, ара жолдо арасат турган. Колхоздоштуруу мына ушул маселени чечмек. Жалгыз үмүт ушул жамаатташтыруу жагында болгону менен турмуштун оор шарты элдин белин бекем басып, ныгырып жаткан. Ошол кыйынчылыктын баары бир адамга – акылдуу, ар дайым активдүү, чаалыкпай иштеген атама жүктөлгөндөй…»[28].

Мына ушул окуя-эпизоддон Төрөкул ата катары уулу Чыңгызга эзелтеден келаткан баба салты менен жертаанытуу, крайга саякаттоо милдетин аткарганын көрөбүз. Мейли ал Фергана талааларын кыдыртабы, Анжианга алып барабы, Фрунзе шаарын көрсөтөбү, Москвада ээрчитип жүрөбү, мына ушулардын баарында өзүн эрудит-экскурсовод жана таалимчи-ата катары демонстрациялай билет. Өйдөдөгүдөй ата-бала саякаты кийин жазуучунун «Эрте келген турналар» повестинде кайра жаралып, сүрөткердин чыгармачылыгында жаңы боектор менен сүртүлүп чыккандай. Төрөкул менен Чыңгыз – ата-бала Анжианга экскурсияга барса, аталган повесттеги Беккул менен Султанмурат – ата-бала Жамбулга саякатка барат. Турмушта да, көркөм чыгармада да башкы көңүл атанын балага жер таанытуусу, турмуш үйрөтүүсү менен байланышат.

Кыргыз элинин салтынын, каада-ырасымынын билерманы катары Ч.Айтматов үй-бүлөдөгү ата менен баланын бири-бирине тарбиялык таасирин, ар кимисинин үйбүлөдөгү милдет-вазийпаларын көркөм аңдаштыруудан өткөргөн жана аны интерпретациялоо үчүн типтүү кыргыз үй-бүлөсүнүн алкагына алып келген. «Адам – адам чөйрөсү менен адам», – деп жазат этнопедагогика боюнча окумуштуу А.Алимбеков, – адамдар ортосундагы бул улуу байланыштын жаратуучулук, өз ара тажрыйба алмашуучулук, бири-бирине арка-жөлөк болуп өстүрүп-өнүктүрүүчүлүк таасири элдик педагогикада өзгөчө бааланат. Төрөлгөндөн тартып эле адам адамдар менен белгилүү бир мамиледе болуп, ошонун натыйжасында элдин топтолгон маданияты менен салт-санаасын кабылдап жан-дүйнөсүн байытат, элге аралашат. Элдик пикирлерге ылайык баланын сырткы чөйрө, эл менен баарлашуу маданияты канчалык ар тараптуу болсо, анын маданий-ыймандык сапаттары да терең мазмундуу болот. Ошондуктан, балдарды кичинекей кезинен эле элге аралаштырган. Ушундан улам «Атаң барда – эл тааны» дейт эл макалы. Бул атаң барда аны ээрчип жүрүп, элдин турмушун, салтын, ырым-жырымын, жорук-жосунун бил деген маанидеги накыл сөз.

Илгери ар бир ата баласын өзү менен ээрчитип жүрүп эл, башка уруулардын, элдердин айырмалуу салты менен тааныштырган, акылмандардын сөзүн, акындардын ырын угузган. Демек, элдик педагогикада элдин көп кырдуу турмушу баланын рухий саламатчылыгы жеткилең өсүшүнүн таяныч башаты катары каралат»[29].

Ушул аспекттен караганда «Эрте келген турналардагы» Султанмурат эске түшүргөн атасы менен болгон окуялардын баарында элдик тарбиянын орошон үлгүлөрү жатат.

Анын бири – атасынын уулун жерди, элди, турмушту көрсөтүү үчүн Шекерден Жамбылга кошо ала барышы. Куду бала Чыңгыз Аравандан Анжианга баргандай. Ага чейин ошол күнү таң менен баласы Султанмуратты эрте ойготкон апасы «былтыр атасы Чүй каналынан апкелген начальник кийчү чоң шапке, ошондон бери катып жүргөн батинкени кийгизди». Бул эмне деген салт, бул кандай тарбия? «Начальник кийчү чоң шапке» дегени эмне, неге начальник кийчүүнү баласына берип атат? Бул – ата-эненин баласына ырым кылып, ал адамды тартсын, жакшы кызматкер болсун деген тилеги, анын чоң адам болуп калганын белгилөө. Кыргыздардын салтында эски кийимди ыргытпаган, атаныкын балага, улуунукун кичүүгө берген. Өзгөчө жакшы адамдын кийим-кечегин атайын талашып, суранып алышкан. Тайкы тагдырлуу адамдардын кийимин өрттөп салган, андай тартууну душманына да ыраа көрбөгөн. Эртеси атасы менен жер көргөнү Жамбылга барар түнү Султанмураттын абалы өзүнчө бир кызык: «Уктап баратып ал дагы бир жыргал сезимге каалгып учуп жөнөдү. Кантип учушту кайдан билиптир. Адам баласы басат, сууда сүзөт, керек болсо жүгүрө алат. Султанмурат болсо учуп баратты. Куштай болуп канат кыккалабады. Кулачын жайып салып, салааларын гана кыбыратып, каалгып баратты. Бу жаркын нурга бөлөнгөн ээндикте ал өзү кайдан учуп келатканын, кайда учуп баратканын билбеди… Бул учуу жан-дилинин учушу эле, эржетүүнүн учушу эле»[30]. Романтикалык-көтөрүңкү пафос менен берилген бул саптарда накта кыргыз баласынын ички дүйнөсү, психологиялык абалы берилген. «Түштө учуу» бул – өспүрүм курактын эң маанилүү белгилеринен, ар бир түштүн маанисин чечмелеген улуттук түш жоруучулар түш феноменинин түркүн ассоциациясын ачып берип, бул көрүнүштү өзүнчө бир элдик өнөр даражасына көтөрүп жеткен. Кыргыз фольклорунда да баатырлардын, алардын жарларынын, балдарынын көргөн түштөрү сюжеттик өнүгүштө, композицияда чоң мааниге ээ болгон. Элде «баланын түшү туура келет» деген сөз бар. Кечинде жатар кезде ар бир адам экинчисине «жакшы түш көрүп жат» дейт. Эрте менен турганда улуулар кичүүлөрдөн «кандай түш көрүп жаттың» деп сурашкан. Түштү дайыма жакшылыкка жорушкан. Эгерде жаман түш болсо аны сууга айт дешкен. Мына ушул түш дүйнөсүнө эртең таң менен жолго чыккан баланын түшү өзүнчө символикалуу, бул түш өзүнчө жакшылыктын ырымы болгон.

Ошондогу ата-баланын «экскурсиясы», «крайтаануусу» накта элдик педагогиканын салттарына негизделген. «Арабанын артында уюлгуп калып жаткан чаң, чимирилген дөңгөлөктөр бир ыргакка салгандай дүпө-дүп жер сабаган туяктар, тер менен карамай жыттанган жан кайыш ат сооруларынан артыла келип, колунда оролуу божу; төбөдө бийик көктө каалгыган ак булуттар; али куурай элек, сүткө толуп турган эки тараптагы кызыл-тазыл, көк-жашыл калың чөп; суусу жол бетине жайылып, араба өткөндө дүңкүлдөтө секирткен арыктар; кээ-кээде бет алды оро-пара жолуккан арабалар, салт атчандар; арабаны калбай коштоп, аркы-терки учкан, кээде аттардын тумшук астынан кайкыган чабалекейлер – ушунун баары Султанмуратка жыргал менен кооздуктун дүйнөсү болду»[31]. Алар эле эмес талаадагы эрмен, чачыраткы сыяктуу куурайлар, сарыбоор, карабаш сыяктуу чымчыктар, Жамбыл базары, күлкүкана, ажайыпкана, парк, чайхана, атанын достору, «ээн жолдун боюнда, айдың талаа бетинде, ачык асман астында ата-баланын уктап жатышы, бөдөнөнүн бытпылыктаган үнү» – ушунун баары ата-баланын таанып-билүүсүнүн, таанып-билүү кызматташуусунун чегинен өтөт. Анан ошондо атасы баласына аттары, аларды кантип асырап багуу, кимисине кандай мамиле кылуу тууралуу насааттарын айтат.

Жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов да татаал тагдырдагы, өмүрү трагедия менен аяктаган инсан гана эмес, ал ошол трагедиялуу өмүр жолу менен балдарына өзгөчө өрнөк берген киши. Анын Москвада окушу да Чыңгыздын дүйнөтаанымында, тил үйрөнүүсүндө чоң мааниге ээ болгон. Москва дүйнөлүк маданияттардын тогошкон ири борбору, Чыгыш жана Батыш цивилизацияларынын ордосу эле. Бала үчүн Москва сапары өзгөчө унутулгус окуя катары анын балалыгына өчпөс из калтырды. Туугандарынын Фрунзеден жана Таластан узатыш салты баланын жүрөгүндө тууганчылык сезимдерин өстүрүп, сапарга чыгуу алдындагы улуттук салттарды көрсөткөн. «Бул узак сапар мен үчүн өмүрүмдөгү эң романтикалуу сапар болуп калды». «Ушул сапар-саякаттын эстен кеткис элестери Арал көлүндө калды. Ал мезгилде бул көл учукыйырсыз талаанын ортосундагы чалкыган көпкөк деңиз эле. Өмүрүмдө биринчи көргөн деңиз да ушул Арал болду. Толкундары атырылып келип, темир жолду чайкап уруп өтүп жатканы али да эсимде.

Поезд бир канча мертебе токтоп, апам менен тышкары чыгып жаттык. Байкуш апам бизди бир жамандыкка учуратып албайын деп, чебелектеп, ары жүрсө ары, бери жүрсө бери ээрчитип алат. Биз болсо баарысын көрүп калууга аракет кылып жаттык. Поезддин терезесинен деңизди көрүү биз үчүн өзгөчө бир керемет болду эми. Деңиз менен поезддин ортосунда адамдар ары-бери чуркап жүрчү. Алар казактын балык саткан балдар-кыздары эле.

Мени өзгөчө деңиздин чалкып жаткан ашкере чоңдугу жана берекелүү байманасы таң калтырды». «Арал көлүнөн соң улуу дарыя Волгага туш келдик. Анан кеңирсиген кенен талаалары, түгөнгүс жашыл токойлору менен Орусия койнуна сүңгүдүк. Акыры Москвадагы Казань темиржол бекетине жеттик. Аерде эл ушунчалык жык-жыйма. Андан кийинкисин жакшы эстей албайм»[32].

Жазуучунун жогорудагыдай эскерүүлөрү анын жөн гана бир көрүп, кайра унутуп койчу балалык окуялары эмес, ошонун баары жүрөгүнөн өтүп, чыгармачылыгына терең из калтырган. «Кылым карытар бир күн» романындагы Батыштан Чыгышка, Чыгыштан Батышка байма бай каттаган поезддердин үнү балким анын балалыгында Москва сапарында дилине салынган шоокум болсо керек, же Арал тууралуу публицистикалык ойлору, жогорудагы романдагы эпизоддоп да ошол бала чагында көкүрөгүнө уялаган көрүнүштөрдүр.

Атасы Москваны баласы үчүн таанып билүүнүн ири объектисине айландырган. «Эгер жаңылышпасам, 1936жылы Максим Горький өлгөндө Жазуучулар Yйүнө мен да баргам. Анда атам менен бирге Горькийди акыркы сапарга узатуу зыйнатына кабылгам»[33], – деп айтканына караганда Ч.Айтматов өтө жаш чагында жазуучу болуу тууралуу балким ошол зор урмат менен коштошуу салтанаты өтүп жаткан М.Горькийден улам ойлонгондур дейсиң.

Жазуучунун балалыгындагы дагы бир эстен чыккыс окуясы – карышкырлар менен кездешүүлөрү. Ал бул жырткыч жаныбар менен эки жолу кезиккенин айтып берет. Эки жолу тең кадимкидей бет келген, а түгүл экинчи жолу араба менен келатканда карышкырлар артынын кууп жетпей калган. «Кыямат» романында карышкырларды кыябын келтире сүрөттөшү, алар менен бирге жашагандай турмуш тиричилигин бериши ошол балалыктагы таасирлерден улам ушунчалык чебер болгон сыяктанат.

Жашынан Чыңгыздын эмгекке үйрөнүп, улуу бала катары үйдүн бүт сырткы жүгүн көтөрүшү – традициялуу кыргыз бүлөсүндөгү салттардын негизгилеринен болуп саналат. «Ошондогу таң заарынан туруп алып, колхоз кашаасындагы уйду карап келүүгө барган кыштын суук күндөрү такыр эсимден кетпейт. Баарынан алдын кашаага мен келчүмүн. Малчылардын бирөө да бул мезгилде ойгончу эмес»2, – деп айтат жазуучу кийин өзүнүн ошол балалык учуру тууралуу. Анан өзүнүн ошондогу уй жоготкон абалын «эң улуусу болгондуктан, кичүүлөргө камкордук кылып, аларды жамандыктан коргоп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бакчу милдет менин мойнумда турган» дейт. Дал ошол бала кезиндеги эмгекчилдиги анын бир туугандарына күйүмдүү болушуна, көп иштеп, көп окушуна, ар кандай кыйынчылыктарды көтөрө билүүсүнө, жазуучулар арасындагы дискуссияларда өз позициясын кармана билишине тарбиялаган.

«Жумуш жагдайынан улам, ар бир үйдөгү кыйынчылыкты, адамдардын сабырдуулугун жана чыдамкайлыгын өз көзүм менен көрүп, ошонун баарына күбө болдум, өзүм кошо ошондой шартта жашадым. Алар төлөп жаткан акча мен үчүн өзгөчө эле. Жок, мен анын акча экенин, материалдык байлык экенин ойлончу эмесмин. Тек гана анын кара тер, таза көңүл, ак ниет менен табылган акча болгонунан куттуу нерсе катары ушунчалык бир аяр кабыл алчумун. Керээлден кечке салык жыйноо түйшүгү менен жүрүп, үйгө келип, чырагданды жандырганда гана түн ортосу болуп калганын туйчумун… – деп айтат Чыңгыз Айтматов он төрт жашындагы салык жыйноочу катары иштеп жүргөн мезгили тууралуу. – Башыман өткөн оор күндөрдү чагылдыруу, башкаларга айтып берүү үчүн адабият деген бир дүйнөгө аралашууга туура келди… Ошол катаал жылдарда фронтто курман болгондордун кабары билдирилген «кара кагазды» маркумдун үй-бүлөсүнө тапшыруу иши да менин мойнумда эле. Мен бул жумуштан оңбогондой оор азап чектим.

Колхоздун катчысы жана салык топтоочу болуп иштеген күндөрүм менин жашоомо көп тажрыйба жыйнап берди. Ушул көргөн-билгендерден таасир алып алгачкы повесттеримди жаздым. «Жамийла», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу», «Эрте жаздагы турналар», «Гүлсарат» деген чыгармаларым ошол жылдардын сабактарынан улам жарык дүйнөгө келген. Булардын баары менин балалыгымда өз башымдан өткөргөн оор күндөрүмдүн элестери.

Ошолордун көркөм чагылдырылышы.

Согуш кезинин окуялары ушунчалык бир жанды ачыткан жана үрөйдү учурган окуялар эле. Балалык баёо жан дүйнөм менен мен ошол кайнаган окуялардын – үрөй учурган коркунучтардын, адам чыдагыс азаптын, кишини эзген кайгынын чок ортосунда болгом»[34]. «Айылдан бирөөгө ошондой кара кагаз келсе, адегенде айыл аксакалдарына барып иштин жайын түшүндүрчүбүз. Анан алар курман болгондун жакындарын чогултуп алып, кеңешип-кесип, мени менен кошо маркумдун үйүнө барышчу. Мен үй-бүлөсүнө кара кагазды окуп берчүмүн. Коңшу-колоң, тууган-туушкандардын баары чогулуп, кыйкырык-өкүрүк, ый башталчу. Кулагым ыйга тунуп калчу…

Катын-бала текши ыйлап, боздоп, кошок кошуп, эркектер «боорум» деп өкүрүп, чуру-чуу башталчу. Мен да ошол чуру-чуу арасында тагдырга там бербешке айла жок, нес болуп карап турчумун. Өзүмчө: «Эмне үчүн кара кагаздарды дайыма мен тапшырам? Эмне үчүн күндө эле элге жамандыктын кабарчысы болуп басып келем? Анан эмне үчүн аны окуп бергеним аз келгенсип, ушундай азаптозоктун күбөсү болуп карап турам?» – деп ойлочумун.

Биздин айылдыктар мени түгөл жакшы таанышчу. Мага алар жакшы мамиле кылганы менен кара кагаз тапшыруу, өлүм кабарын угузуу да менин ишим экенин жаадыларына түйүп алышкан. Андыктан, мен кимдир бирөөнүн үйүнө жакындап келе жатсам, алгач аялдар кооптоно баштайт да, акыр аягына чейин чыдай албай:

  • Биздикине кирбе!? Жогол! Кетип калчы деги?! Кет-чи!?.. – деп алыстан кыйкырышчу.

Бирок, мен не кылмакмын? Милдетимди аткарып жүрөм да. Алар мага ачуулуу айкырыкты салат:

  • Келсең эле жамандык алып келесиң! Yйгө каран түн түшүрөсүң!..

Ошентип замандын мага жүктөгөн кызматтары – катчылык менен салык жыйноочулук мага жашыман да чоң жоопкерчиликти жүктөп, оор турмушта адамдардын жашоосун дагы да оорлото турган кайгылуу, азаптуу вазийпаны аткаруучу жолго түшүүгө аргасыз кылчу…»[35]. Мына ушундай учурлар, жагдай-шарттар Ч.Айтматовду элдик педагогикалык идеяларды эртелеп кабыл алууга түрткү берди жана жазуучу катары чыгармачылык иш менен жазуу үстөлүндө отурганда анын оюна айланыпайланып келе берди.

Кыргыз баласы туулгандын биринчи мүнөтүнөн тартып эле бата менен кездешет. Батанын өз ролу, таалим-тарбиясы бар экендигин жазуучу жаш кезинен көрүп-билип, ошолорду чыгармаларында чагылдырган. Бир жакка сапарга чыккандарга карата бата берүү жазуучунун көптөгөн чыгармаларынан орун алган. «Гүлсарат» повестинде мындай эпизод бар: «Анан элден бата сураар маал келди. Аксакалдар белги бергенде Танабай да тизгинди саал бошотуп, эки беттеме казганактаган элдин ортосуна ойноктото чыкты. Кайда сызып жөнөөрүн билбей Гүлсары чарк айлана туйлады. Калың топтон дуу кетти: «Гүлсары,

Гүлсары!..»

Байгеге иргелип элүү чакты күлүк кошулду.

– Кана, калайыктан бата алалы! – деп заң этти маараке башы аксакал чабандестерге.

Жалаң баштарына бир байлам жоолукту чарт түйгөн чабандестер кыркаар турган калың катардын алдында алакан жая ээрчий бастырды. «Омийин!» деген деми күчтүү бата сөз казганактаган элдин бу четинен тиги четине дуу этти да, жүздөгөн кол бет сылап, сакалга аккан суудай төгүлдү»1.

Элдик акылмандыктын соолубас булактарынын бири – батага байланыштуу. Жердин түшүм берип турушунда жамгыр кандай ролду ойногон болсо элдик ассоциацияда эр жигиттин турмушунда, анын келечек тагдырында элден алган батанын да ролу ошондой болгон. Адатта батаны эң улуу киши берет, калган жаамат анын сөзүн тыңшап, сөзүндөгү жакшы тилектерге кошулуп, алаканын жазып турат. Бата берип жатканда бүт баары тынчтанат. Ар дайым ийгилик менен жүргөн адамдарды бул көп бата алган дешет. Элдик оозеки чыгармачылыкта төрөбөй жүргөн аялга же бала көрбөй жүргөн эркекке, сапарга же урушка аттанган жоокерге же колго жолдон Кыдыр (Кызыр алайки салам) жолугуп, ак батасын берсе, алардын иши сөзсүз оң болот. Азыркы күнгө чейин элдик тарбиялоо салтында бата берүүгө өзгөчө маани беришет, мисалы, аскерге кетип жаткан улан, күйөөгө кетип жаткан кыз, спорт, билим ж. б. жарыштарга кетип жаткан адамдар,

1 Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – 2-том, Б.: Шам:

  1. – 135-б.

эгин себе турган дыйкан, түшүм жыйнаганы жаткан адам ж. б. учурларда бата алып жатканы, аксакалдардын бата берип жатканы эң кеңири тараган элдик педагогикалык салттардан болуп эсептелет. Ч.Айтматовдун Гүлсарысы ошондой бата алуу менен байгеге чабылат жана ошол батанын шарапаты менен утуп чыгары чыгармага атайын киргизилет.

Улуттук тарбияда балдарды бата алуу үчүн атайын көнүктүргөн. Балдар колго суу куйган, жолоочунун атын алган, кетип жаткан кишини атына мингизген, карыларга ар кандай сыйларды көрсөткөн. Элде ар кандай байлыктан бата өйдө турат деген түшүнүк болгон.

Мына ушул элдик педагогикалык салт жогорку эпизоддо жазуучу тарабынан кыска, бирок майнаптуу колдонулгандыгы көрүнүп турат.

Кыргыздардын элдик тарбиясында балдарды улууларга теңелүүгө үгүттөп, ошолорду идеал тутууга чакыруу менен бирге эле жашы токтолуп калган адамдар туура эмес жүрүш-турушка барса аларды артында келе жаткан муунду айтып, ошолор аркылуу ыйманга чакырган. «Гүлсаратта» Танабай Бүбүшкө көп каттап калган кезде ошондой элдик наркта чоңойгон Жайдар ага карап «Жээликкидей же бир жаш болсоңчу. Балдарың эр жетти, а сен…»[36], – деген сөз менен гана тарбиялык иш чарасын өткөрөт. Бул ага классик педагогдордун том-том китептерин окуп бергенге караганда таасирдүү чыкмак. Балдардын эр жетиши – адамдын эми жаш эместиги, өткөндөгү билип-билбей кылган күнөөлөрүн эми кайталабашы, акыл-эс толук кирип, жаштарга, артынан келе жаткан муунга өрнөк болууга аракет кылуу керектиги. Кыргыздардын элдик тарбиясында улуулардын өрнөгү, аксакалдык жүрүштуруштун идеалы өзгөчө маанилүү экендиги жазуучу тарабынан каармандарды ар тараптуу ачып берүү үчүн активдүү кызмат аркалоодо.

Улуттук таалим-тарбия берүүдө элдик оюндар өзгөчө чоң мааниге ээ болгон, алар балдарды дени сак болууга гана тарбиялабастан акыл-эс, рухий жактан да тарбиялаган, кийинки муундун эстетикалык сезимин көтөрүүгө көмөктөшкөн. Мына ошол балдар оюндары «Манас» эпосу баштаган чыгармалардын баарынын ички структурасына сиңип, каармандар ошол оюндарды ойноо, же көрүп отуруу менен өз образдарын андан ары тереңдеткен. Бул жагдайда «Гүлсарат» повестинде да бир топ эпизоддор, деталдар орун алган. Мисалы, Гүлсары келишкен жорго болуп турган кезде ал көкбөрүгө түшөт, ошол учурду майда-чүйдөсүнө чейин романтикалуу жана эпикалуу маанай менен сүрөттөп отурган жазуучу ал оюн тууралуу «Бизге ушундай эрендердин эр оюнун мурас калтырган ата-бабалардын арбагына кулдугум бар-ов!»[37]  деп тамшанып өтсө, дагы бир жерде ат чабыш салтын билгич катары сүрөттөп кетет. Булар жөн гана Гүлсарынын жаханда жок жорго экендигин тастыктоо үчүн колдонулган, повестке күчтөп киргизилген көркөм фантазиядан жаралган штрихтер эмес, бул кыргыздардын турмушу, балдарды тарбиялоо салты улуттук оюндар менен биротоло сиңишип кеткендигин айгинелөөчү факторлордон болуп саналат.

Мына ушундай улуттук оюн – чикилик (түштүктө чикалак) повесттин көркөм структурасына кандайча кирип, кандай функцияны аткарып турат?

«Ат сарайдын жанында балдар чикилик чаап ойноп жатышты. Шудуңдаган бир бала кезеги келгенде чикитин иликтей коюп чапты эле, алыс барып жол боюна түштү. Тосоттогу бала тосо албай калды. Анда чапкан бала туягын салып, макке чейинки аралыгын өлчөй кетти: бир, эки, үч… жети… он… он беш… Эки жаат болуп, баланы эки жактан ээрчип алышкан, чурулдап талашып келет. Акыры эсеп жыйырма эки болду.

  • Жана жетимиш сегиз тай болчу, азыр жыйырма экини кошкондо жүз тай, – деп бала кубанганынан колун серпе кыйкырды. – Жүз! Жүз тай болду! Биз уттук!
  • Ура! Биз уттук! – деп жааты коштоп кетти.

Эми утулган жаат зуулдаш керек. Уткан бала макке барды да, чикитти зымырата чапты. Түшкөн жеринен жаатташы андан ары чапты. Yчүнчүсү дагы чапты. Ошентип мактен алдаганча оолактатып кетишти. Мына ошерден макке чейин дем албастан зуулдаш керек. Утулган бала ызасынан көзүнө жаш тегеренди, бирок оюн шарты катаал. «Эмне турасың, бол зуулда!» Зуулдачу бала өпкөсүн толтура желди илеп тартты да, чымылдай чуркап, ырын айтып жөнөдү:

Акбай, Токбай, Ат болоту жорго тай.

Жорго тайдын жолу менен Кашка тайды тобу менен Зуулдатып айдап келем… Зу-у-у-у!..

Каны бетине тээп, көзү чекирейип чыкса да болбой бала чымылдап чуркап, зуулдап баратат. Бирок макке жете албады, деми түгөндү. Уткан бала кыйкырып жете келип, жонуна чап жабышты.

– Чү, жаныбарым Гүлсары! – деп теминип, эки тарапка мактана кыйкырды. – Эй, карагылачы, мына менин Гүлсарым! Жоргосун карагыла! Чү!»[38].

Бул эпизод балким айтматовдук батыш окурмандарына экзотика катары туюлушу мүмкүн, же жөн гана бир оюн экен деп сезиши ыктымал, бирок, биз, кыргыздар, ушундай оюндар менен чоңойдук. Волейбол, футбол, баскетбол, теннис деген оюндарга чейин миллиондогон эчен-эчен муун кыргыздар ушул элдик оюндар менен калыптанды, ушулар менен жетилди. Бул чыгармада Ч.Айтматов Гүлсары аттын кадыр-баркын, балдар турмушуна канчалык сиңгендигин көрсөтүү максатын көздөгөн менен анда дагы башка маани бар: биринчиси, этнографизм бул жерде улуттук аң-сезимдин бир формасы катары чагылдырылат жана аны шашпай сүрөттөө менен соңку муунга бул оюндун чоо-жайын түшүндүрүп берет; экинчиден, мында балдар турмушу чагылдырылат. Элдин кандай эл экендиги балдар оюндарынан эң жакшы билинет. Жогорудагы оюн менен балдар кандай таалимтарбиялык көндүмдөргө ээ болууда:

  1. Элдик арифметиканы, б.а. санакты үйрөнүүдө. Азыр цивилизациянын көч башына көтөрүлгөн, дүйнөлүк технологиялардын локомотиви болгон жапон эли бала бакчада жана башталгыч класста атайын санак сабагын киргизген, анда балдар бир дагы эсептегич аппарат же компьютер колдонбой оозеки жана жазуудан төрт амалды үйрөнүшөт, мындай ыкма алардын эске тутуусун жакшыртып, акыл-эсин өстүрөт экен. Мына ошондой санак оюндары да кыргыздарда бир топ өөрчүгөн.
  2. Балдар оюндары, бул жердеги чикилик жамаатта-шууга, ошол жамаат ичинде өз ордун көрүүгө, индивидуалдуу «Менин» сезүүгө тарбиялаган. Жамаатта жалгыз өзүнүн ролун көрсөтүү менен эгер анын командасы утулуп калса, жалгыз баланын жоопкерчилиги да жогору болорун, демек анын жоопкерчилиги да маанилүү ролго ээ экендигин, коллектив ичиндеги өзүн өзү сезүүсүн түшүнүүгө ушундай оюндар түрткү берген.
  3. Мелдеште утулуу жана утуу, ызалоо жана ызага батуу, жеңилиш өксүгү жана жеңүү ырахаты сыяктуу сезимдер болот, балдар ошондой сезимдер аркылуу өздөрүнүн ички дүйнөсүн калыптандырган.
  4. Зуулдаш, өпкөсүн толтура желди илеп менен тар-тып, анан чуркаш бул балдардын дени сак болуу үчүн физкультуралык көнүгүү болгон. Бул оюндар кыргыз элинин турмуш салтына байланыштуу болочоктогу аскерлерди, малчыларды, аңчыларды даярдоонун алгачкы тренировкалары катары кызмат кылган.
  5. Эл турмушуна тереңирээк аралашкан, мисалы, тоо-догу кыргыз баласы гана өз оюндарына ыр кошуп, ырына «ат болоту жорго тай, жорго тайдын жолу менен, кашка тайдын тобу менен» деп ырдайт эмеспи. Тай бул – баланын күнүмдүк жашоо тиричилигиндеги кездешкен жаныбар гана эмес, анын гуманизмин ойготкон ыйык жандык.

Элден алган педагогикалык идеяларды чыгармалары аркылуу кайра элге жеткирүү жазуучунун «Эрте келген турналар» повестинде ырааттуу жана өтө кылдат көрсөтүлөт. Повесттин баш жагында эле Инкамал-апай «балдардын арасында тири карагы сен эмессиңби, чыдаарсың» деп Султанмуратты мурда Мырзагүл отурган орунга – суугураак жерге отургузуп коет. Европалыктар иштеп чыккан мектеп гигиенасы боюнча ар бир окуучунун өзү отурар жайы болуш керек, парталардын аралыгы, жарыктын кайдан тийиши, доска менен окуучунун ортосу канча болуш керек, психологиялык жана дене түзүлүшү жактан ким кайда отурат, мунун баары илимий электен өтүш керек. А Инкамал-апай окутуп аткан биздин окуучуларда андай илимий көз караш жок, мындагы критерий суук жерге эркек отуруш керек, тири карагы отуруш керек. Эмне үчүн ушунда Султанмурат, «мен ал жерге отурбайм, мен жылуу жана доскага жакын жерге отурам», же болбосо «мен да мугалимдин сөзүн жакшы угушум керек, ошон үчүн алдыга отурам» деп, болбосо «мен эмне суук жерде отуруп, ден соолугумдан ажырашым керекпи» деп чыкпайт. Жок, буга анын тарбиясы жол бербейт. Ал кыргыз үй-бүлөсүндө, биринчиден, улуулардын айтканын сыйлаш керек, аткарыш керек деген чөйрөдө өскөн, ага бул таклипти улуу киши – Инкамал-апайы айтып атпайбы; экинчиден, эркек бала кыз баланы ызаат кылышы зарыл деген калк педагогикасынын казанынында кайнаган, ошон үчүн Мырзагүлдөн орун талашуу аны үчүн түшкө кирбес нерсе; үчүнчүдөн, дагы элдик тарбия тири карак балдар чабалдарына кам көрүш керек дейт, ошон үчүн да анын башкалардан орун талашышы орунсуз көрүнүш.

Чыгармада мындай бир сүйлөмдөр бар: «Yч жаш кичүү Ажымураттын көктүгүн айтпа… Бекбайдын андан башка баласы жоктой. Кийинки эки карындашы али жерден боорун көтөрө элек бөбөктөр, алар да ыйлап атып атасына бир асылып алышар эле. Бирок Ажымураттыкы айрыкча, ал атасын мынчалык жакшы көрүп, ач кенедей жабышып аларына коңшулар да таң. Аруукан деген коңшу кемпирден элдин баары сестенип турушчу, мүнөзү катуу, өзү каржайган сөөктүү, чаңырып сүйлөгөн киши эле. Кээде Ажымуратты тарбайган колу менен кулактан аткып, жекирип калчу:

– Ой, какмар, бала да үшүнтчү беле, мунуң жакшылыктын жышааны эмес! Бир балээ болордо бала ушинтип атасына эзилип калчу эле, шумдук, кокуй! Мунуңар бала эмей эле балаа! Деги койдурсаңар болбойбу, бул жакшылыктын жышааны эмес, жоругуңар жолдо калгыр!

«Өз башына көрүнсүн, как баш!» – деп апасы кемпирдин артынан жерге үч түкүрүп, анан атасына ашкере элжиреп кеткен Ажымуратты көк желкеге бир муштап, үйгө кубалап кирип кетер эле. Бирок Аруукан энеге бет келип каяша айтуу жок»[39]. Мында айылдагы коомчулуктун балага тарбиялык таасир этүүсүнүн бир эпизоду реалдуу тартылат. Ажымурат – Бекбайдын экинчи уулу, Султанмураттын иниси, демек, ал кичүү баласы, а кыргыздарда кийинки бала, эгер ал эркек болсо, эрке болот, тукум улоочу болот. Бала эгер артынан башка бөбөгү төрөлсө гана ата-энесинен кичине бөлүнөт, башка жатат, тиги артындагысына орун бошотуп берип, аны ата-энеге биринчи жакын болууга жол ачат. Ажымураттын да жолу Султанмураттын алдында ошондой болду. Экинчиден Ажымурат балалык ырахатын, атага болгон оюн-тамашасын, эркелөөсүн кандыра албай калган. Ушуну менен да согуштун каарын көрсөткөн жазуучу баланын ошол балалыгын түшүнбөгөн Аруукандын образын алдыга алып келет. «Аруукан» деген ысымдын мааниси «аруу», «таза», «пакиза» деген болгон менен ал «мүнөзү катуу, өзү каржайган сөөктүү, чаңырып сүйлөгөн», анан ошол «кээде Ажымуратты тарбайган колу менен кулактан аткып, жекирип калчу». Жазуучу ал «кемпирден элдин баары сескенип турчу» дейт, демек ал, элден бөлүнүп калган, калктын антипатиясына арзыган аял. Өзү да бала көрбөгөн белем, аны Ажымураттын апасы «как баш» деп атайт.

Кыргыз салтында каргыштын эң оору – «как баш». «Как баш болуп өт» дейт эң эле жаман көргөн адамга багыштаган терс батасын. Муну баары эле айтпайт, ошону айттыра турган себеп болгондо, сай сөөгү какшаганда гана айтат. Мында «баш» деген сөздүн мааниси символикалуу, бул как баштык, жөн гана башы кургап, как болуу эмес, мында тукуму үзүлүү, башы уланбай калуу деген маанилер сыйдырылган. «Как» деген сөз «өлүм», «бүттү», «мындан ары жашоо жок», «ага суу куйсаң да, азык берсең да көктөбөйт» дегендик. Мындай адамдардын келечегин токтотуу керек деген ой жатат. Баласына атын бербей койгондо Курманбектин атасы Тейитбекти ошентип каргашат, ошол мезгилден бери эл ата ордуна татыбаган, баласына жакшылык кылбаган кишилерди как баш Тейитбекке салыштырып келет.

Анан ошентип «өз башыңа көрүнсүн, как баш!» деп сүйлөнүп алган эне кемпирдин артынан жерге үч түкүрүнүп коет. Yч түкүрүнүү – бул элдик салт, ал өзүңдөн бери өтпөсүн, ошондон ары кетсин деген маани. Жаман сөз айтып алып, же жаман ой ойлой калып, жерге үч түкүрүнүп алган кыргыздар азырга чейин бар. Алыс жолдон келсе, же кандайдыр бир кырсыкка кабылса, ал кишиге чоң идишке толтуруп суу куюп беришкен да, сууга түкүртүшүп, башынан айлантып тегеретишкен. Демек түкүрүү – бул ырым, жаман нерсенин алдын тороп, аны жакшылыкка буруу ырымы. А эмне үчүн үч жолу түкүрөт? Бул үч саны да элдик түшүнүктө ыйык сан. Оозеки чыгармачылыкта үч саны көп учурайт: үч күн, үч түн, үч бир тууган, үч дос, үч түтүн үй, үч жыл, үчүнчү жолку окуя ж.б.

Ошентип үч түкүргөн эне баласы Ажымуратты «көк желкеге бир муштап, үйгө кубалап кирип кетет». «Көк желкеге муштоо» бул баласын жек көрүү, аны физический жабырлантуу гана эмес, бул тигилердин көзүнчө ага көз тийбесин дегендик, жамандардан калкалоо. «Yйгө кубалап кирип кетүү» бул «элдин баары сестенип турушчу, мүнөзү катуу, өзү каржайган сөөктүү, чаңырып сүйлөгөн кишиден» али булганбаган таза жана калыптануу процессин башынан өткөрүп жаткан баланы оолактатуу, аны жамандыктан алып качуу.

Ушундай таалим-тарбияда чоңойгон Анатай уктаар алдында да келме келтиргенден бетер: «Жаттым – тынч, жаздыгым – кенч, дилим – ак, тилегеним – атам эртең келсе экен», – дейт. Бул тилек накта элдик таалим-тарбиянын башатынан өзөк алып турат. Ата-энелер, өзгөчө чоң ата-чоң энелер балдарына жатар алдында жакшы сөз айтып жатууга көнүктүргөн. Исламдын таасири күчтүү жерлерде келме келтирип, куран окуп оң жагына үч жолу, сол жагына үч жолу, өйдөгө үч жолу «чүф, чүф, чүф» деп дем салып койгон, бул түнү киши уктап атканда ар кандай албарсты, жин-шайтан, жаман түш сыяктуу нерселерден сактайт дегендик. Жылкы кайтарган балдар жылкыларын айланта кыл аркан менен тосуп, анан ошол аркандын ичине жылан, курт-кумурска жолобойт, ууру-бөрү кирбейт деп беймарал уктай берген. Анатай да ошол салтты сактап, ошол элдик салтка өзүнүн шартка жараша модернизацияланган тилек сөзүн «тилегеним – атам эртең келсе экен» дегенин кошуп алып жатпайбы. Бул накта элдик традицияда калыптанып аткан адамдын жасаган жоругу. Жаздыктын кенч болушу бул – жакшылыктын символу, кенч деген бул – байлык эле эмес, бул – адам үчүн жакшы нерселердин баарынын баарысы. Адам жатарда аруу ойлорду ойлойт, бекеринен кыргыздар жатар убакта тазаланып, сыртка чыгып, көктү, аба ырайын бир карап, анан жакшы тилектерди тилеп жатпайт. Бул деген дилдин ак болушу – түнкү уйкунун нормалдуу өтүшүн, жакшы түштөрдү көрүүнү алып келет дешкен. Жаздыкка баш койгон адам оң жамбашы менен жакшы гана ойлорду ойлоп жатып, анан уктап кеткен. Демек, Анатайдын да тарбия-таалими ошол нукка бурулган, анын эң жакшы, бирден бир ою – атасынын алыскы майдандан аман-соо келиши.

Бул чыгарма накта балдар турмушунан калпып алынганын, элдик этникалык жашоо образы менен байланышуу экендигин Ч.Айтматовдун курбалдаш калемдештери мындайча баалаптыр:

С.Өмүрбаев: «…кимибиз гана Султанмуратка окшоп түн уйкудан, күн тынымдан кетпедик. Кимибиз гана анын кылаң эткен караанына көз сатып, анын баскан изин ыйык тутпадык… Мунун баары жүрөт го мына ушу «Эрте келген турналарда» жапжаңы, жапжашыл бойдон»[40][41].

К.Артыкбаев: «Эрте келген турналар» – бала чагы согушка туура келген биздин муундун бардыгынын көркөм баяндалган өмүр баяны»[42].

К.Бобулов: «Султанмураттын ак жаркын кебетесине карап көрүңүздөрчү: согуштун каргашалуу жылдарында бир үйдүн бакандай азаматы, апасынын таяныч жөлөгү, инисинин арка тутар тиреги, атасынын үмүтү, колхоз председатели Тыналиевдин ишенимдүү жардамчысы, айпери Мырзагүл бийкечтин сыймыгы жана аздектеген арзуусу. Жазуучу так, кынтыксыз тартылган көркөм деталдар жана эпизоддор аркылуу өз каарманынын жандилиндеги романтикалык чабытты, тунук дүйнөнү, анык жигиттин жигерин, тайманбастыгын, жүрөктүүлүгүн устакердик менен ачып берет»[43].

Жогорудагы пикирлерден улам да айта турган – нерсе жазуучу каармандарын эл ичинен алган, элден тапкан. Ал эми эл арасынан сууруп чыккан прототиптер сөзсүз элдик таалим-тарбия салттары менен кошо чыкмак.

Ушуга байланыштуу Т.Аскаровдун мындай пикирин окуп көрөлү: «Ч.Айтматовдун каармандарын бир өзгөчөлүк айрымалап турат – алар дүйнөнү, адам Жан дүйнөсүнүн жарк этип от алышын, уйкудан, көңүлкоштуктан ойгонушун, жарыкка, бакытка, жакшылыкка, чыгармачылыкка, ачылыштарга умтулган учурларын көрүүнү эңсешет… Буга байланыштуу «Эрте келген турналар» повестиндеги, белгилүү деңгээлде образдуу символикага ээ, терең идеялык, эстетикалык мазмунга жык толгон корутунду бөлүгүн эскерте кетели. Анын акыркы барактарын жаап жатып, эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо, Ак-Сай эпопеясынын активдүү катышуучуларынын бири, ээн талаада кездешкен ач карышкырдын мизин кайтарууга даяр, колуна жүгөн кармап, таштай катып калган башкы карман Султанмурат менен коштошобуз. Жазуучу өз каарманын мына ушул ачык скульптуралык турпатында ачынган жырткыч менен гана эмес, окурмандар менен да калтыруудан чочулаган эмес. Султанмурат повесттин мына ушул финалдык сценасында жеке эле таасирдүү көркөмдүккө ээ эмес. Анын фигурасы өз ичине чымырканган күтүү менен көз ирмемге гана токтолгон кыймылдын чоң мүмкүнчүлүгүн жашырып турат»[44]. Бул күч да авторго элден келет, элдин руханий жашоо образынан алып, чыгармасына кошот.

«Эрте жаздагы турналар» повестинде бири-бирине контрасттуу эки көрүнүш, байыртадан келаткан салтка карата эки түрдүү мамиле көрсөтүлөт. Биринчиси, шыралга таштаган мергенчилер. Аксайда кош айдоодо ээн тоодо жалгыз эле биздин каармандар жүрөт, ошон үчүн мергенчиликтен келе жаткандардын аларга жолугушуусу табийгый нерсе. Кыргыз салты боюнча жолдуу келаткан мерген эң биринчи жолуккан кишисине, мейли ал аны тааныйбы, тааныбайбы, шыралга берет. Шыралга дегени – уучулуктан тапкан олжосунан беришүү. Бул – эң байыркы салт. Эки мерген Аксай десанттарына аркар этинен таштап кетет, алар балдарды көрбөсө да, тааныбаса да ушинтишет. Эгерде европалыктар болсо ушундай кылат беле, жөн эле мергенчиликтен келаткан бирөөлөр алгачкы учураган бейтааныштарга шыралга деп кыйынчылык менен аткан тоо текенин этин, болгондо да тамак-аш жетишпеген согуш кезинде берип кетмек эмес. А бул кыргыз элинин үрпадатына терең сиңген салт. Ошон үчүн Султанмурат жана анын достору да ушундай кыйынчылык кезде салт сактаган мергендерге ичи жылып калат. Муну менен шыралга берүү салты согуш кезинин өспүрүмдөрүнө да жеткенин автор өзгөчө бөлүп көрсөтөт. Экинчи учурда башка бир жолу, башка бир сырдуу адамдар пайда болот. Аларды да шыралга берет экен десе, салт бузат, жакындабастан, токтобостон, улам карап коюп кете берет, жазуучу балдардын түшүнүгү менен минтип айттырат: «салт билбеген немелерби, болбосо кошчу көргөн жолоочу кыя өтпөйт, кайрылып саламдашып, иш илгери болсун, кырман толсун, кепсенге келербиз деп кетет»[45]. Дал ушул элдик маданияттын традициясынан окчун калган жолоочулар бир шойкомду баштары белгилүү болуп калат. Элдик салтты билген жана өнүктүргөн, б.а. шыралга үмүт эткен балдар менен элдик салтты билбеген, аны кор кылган, кечинде уурулукка келчү атчандардын ортосунда чоң ажырым турат. Шыралга берген мергенчилер жана шыралга бермек тургай саламдашууга да жарабаган жолоочулар – булар повесттеги балдардын ыймандык кредосун сынап көрүүнүн бир критерийи, атайын жиберилген эксперименталдык тапшырма катары көрүнөт.

Кыргыз калкынын көөнө фольклорундагы лирикалык жанрдын бири – кошоктор. «Мергендин аялынын кошогунда» мындай саптар бар:

Асылым, Калы мергеним,  Тоодон теке тергеним.

Шыралга деп келгенге,

Шыйрагын кесип бергеним[46].

Демек, «шыйрагын бузбай» бүтүн бойдон кармата коюу ал кишинин өлгөндөн кийин да образын ачып, кошокто айтууга арзыган башкы сапаты болуп эсептелген.

Повестте бир символ бар, ал – турналар. Турналар – бул жакшылыктын, токчулуктун символу. Кыргыз салтында көктө учкан турналар эрте келсе жаз менен жайга жакшы жышаан деген карыялардан келаткан сөз бар. Турналарды көрүп ичи жалаң сагыныч менен арманга толгон, балалыгы менен эрте коштошуп, кошко чыккан, тээ алыстагы фашизм менен өздөрүнүн ак эмгеги менен күрөшүп аткан үмүттүү да, күйүттүү да балдар, ошол эле кезде романтикалык дүйнөсүнөн, баео ишениминен кете да албаган, анан туруп эле чоң адамдардай сөөлөт күткөн, ошолордой сүйлөп, ошолордой иштеп калган Аксай десанттары – өспүрүмдөр ошол элдик тапырка-жышаанды ойлошот. Дал ошол элдин турналар эрте келсе жакшы жаз, жакшы жай болот дегени – түшүм мол болот, согуш биздин жеңиш менен аяктайт, ал жактагы аталар аман-соо кайтып келет, биз кайрадан мектепке барып окуубузду улантабыз дегендей ойго жетелейт.

Кыргыз турмушунда «балдар чоңдор менен бирдикте жазда жана күздө канаттуулардын келишине жана кетишине такай байкоо жүргүзүшкөн»[47]. «Чыңгыз Айтматовдун балалык темасына кайрылуусу, менимче, жер шарындагы бардык тазалыктар менен сулуулуктардын жарык башатына кайрылгандай табигый жана зарыл болгон. Мына ошол биринчи башаттарга кайрылбаса чыныгы жана чоң сүрөткер үчүн адамдык, ал адамдар арасындагы мамилелердин гармониясы жана сулуулугу үчүн талыкпас күрөш ишке ашпайт болчу. А жазуучунун милдети адамдагы сулуулукту сактап туруу гана эмес, аны андан ары көбөйтүү да болуп саналат эмеспи», – деп жазат адабиятчы В.Вакуленко[48]. Дал ушул өңүттөн алып караганда Ч.Айтматов балдар аркылуу коомдун нравалык деградациясын, айрым адамдардын рухий кризисин көрсөтүү менен ошол кризистен алып чыгуунун бир жолу байыртадан келаткан элдик салт-санаалар экендигин окурманга айтып берет.

[1] Айтматов Ч. Мурас – биздин жалпы кенчибиз // китепте Кожожаш. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астындагы «Эл адабияты» сериясына жазган баш сөз. – Б.: 1996. – 6, 9-б.

[2] Айтматов. Ч. Алгы сөз // А.Жакыпбек. Теңири Манас. – Б.:

[3] . – 10-б.

[4] Асаналиев К. Айтматов таануунун жаңы сапаттык баскычында… Баш сөз // Yкүбаева Л. Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз. – Б.: 2004. – 4-5-б.

[5] Садыков. А. Кыргызстанда Айтматов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү: илимий очерк. – Б.: 1992. – 37-б.

[6] Волков Г.Н. Этнопедагогика. 2-е изд. – М.: 2000. – 31-б.

[7] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 5-том. – Б.: 1999465-466-б.

[8] китепте: Волков Г.Н. Этнопедагогика. 2-е изд. – М.: 2000. – 42-б.

[9] Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф:. 1988.-136-137-б.

[10] Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф:. 1988.-131-б.

[11] Гашимов А. Народная педагогика. // Антология педагогической мысли Азербайджанской ССР. – М.: 1989.-533-б.

[12] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003.-11-б. 2 Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003.-13-б.

[13] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003.-14-б.

[14] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003.-15-б.

[15] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – 2-том, Б.:1999.111-б.

[16] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – 2-том, Б.:1999.177-б.

[17] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003.-15-16-б.

[18] Муратов А. Ааламдын аккалпакчандарына Ала-Тоо койнун ачты. // Замандаш. 2003, №3. – 14-б.

[19] Памирдин Мукур-Корумду капчыгайынан кыргыз абышка Кадыр Токоевден В. Бианки жана А. Грюнберг жазып алган боюнча.

[20] Зубкова Т. Конквистадоры или аборигены? Проблема «больших братьев» и «малых народов» в школьном воспитании и образовании. // Управление школой. 2003, №3. – 16-22-янв.

[21] Зубкова Т. Конквистадоры или аборигены? Проблема «больших братьев» и «малых народов» в школьном воспитании и образовании. // Управление школой. 2003, №3. – 16-22-янв.

[22] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003. – 18-б. 2 Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003. – 18-б.

[23] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – 2-том, Б.: Шам: 1999. – 122-б.

[24] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – 2-том, Б.: Шам:

[25] . – 154-б.

[26] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, Б.: Шам: 1999. – 200-б.

[27] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, Б.: 1999. – 161-162-б.

[28] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003. – 27-б.

[29] Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы, I бөлүк. – Б .: 1997. – 40-41-б.

[30] Айтматов Ч. 3 томдон турган чыгармалар. 2-т., – Ф.: 1982. – 140-б.

[31] Айтматов Ч. 3 томдон турган чыгармалар. 2-т., – Ф.: 1982. – 143-б.

[32] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-32-37-б.

[33] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-34-б. 2 Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-54-б.

[34] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-72-б.

[35] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-73-74-б.

[36] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – 2-том, Б.: 1999. – 151-б.

[37] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, – Б.: 1999. – 141-б.

[38] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, – Б.: 1999. – 171-172.

[39] Айтматов Ч. 3 томдон турган чыгармалар, II т., – Ф.: 1982. – 135-б.

[40] Өмүрбаев С. Бала чак менен кездешүү. // Ленинчил жаш.

[41] , 6-янв.

[42] Артыкбаев К. Мезгил элестери. – Ф.: 1979. – 116-б.

[43] Бобулов К. Жаңы тилке. – Ф.: 1991. – 99-б.

[44] Аскаров Т. Эстетикалык жаңы сапаттарга. – Ф.: 1980. – 364365-б.

[45] Айтматов Ч. 3 томдон турган чыгармалар. II т. – Ф:. 1982. – 213-б.

[46] Мергендин аялынын кошогу // Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 2 томдук, түз: К.Жусупов. 1-т., – Б.: 1999. – 163-б.

[47] Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. – Б.: 2001. – 10-б.

[48] Вакуленко В. Право на доверие – Ф.: 10-б.

 

  1. YЙ-БYЛӨЛYК ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫН ЭЛДИК САЛТТАРЫ ЖАНА ЖАЗУУЧУНУН АЛАРДЫ КӨРКӨМ ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАШЫ
  1. Жамийла: элдик тарбия нускаларын тебелөөчүбү, же сыйлоочубу?

Ч.Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жазуучунун атын дүйнөгө тааныткан чыгарма гана эмес, ал улуттук алкакта ой жүгүртүүнү жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн ачык айгинелеген, коомдук турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөргө кабарчы чыгарма болду. Анын тагдырындагы дилеммалуу пикирлерди жараткан «жакшы» жана «жаман», «оң» жана «терс» деген критерийлердин элегине салганда эки өйүздө калган каарман бул Жамийла болгон.

Жамийла – элдик салттарды, анын ичинде элдик тарбиянын эреже-нормаларын тээп чыккан, ошол алкак тарлык кылып, ага батпай калган каарман деп айтып келебиз.

Бул чыгарманы кандайча кабыл алгандыгы, жазуучунун жүрөгүнөн ошол кезде кандай өткөндүгү арадан жарым кылымга жакын убакыттан кийин, Айтматов дүйнөлүк атак-даңкка жеткен кезде автор тарабынан мындайча эскерилет: «Жамийла» повести жарык көргөндө аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи.

Ал мезгилде аялын кимдир бирөө таштап кетсе «сөгүш» деген нерсени алчу. Партиядан чыгарылып, ишинен айрылчу. Адабий чыгармалар да коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырганда ушундай адамдарды терс каарман кылууга тийиш эле. Ал эми меники болсо тескерисинче.

Бул повестти жазып жатканда мен мындай жагдайлар тууралуу таптакыр ойлонбоптурмун. «Жамийла» жарык көрөрү менен өз мекенимде да, чет мамлекеттерде да чоң кызыгуу жаратты. Бардык жерде менин жаңы повестим тууралуу талкуулар болуп жаткан. Дос-замандаштарым менин мындай күтүүсүз ийгилигимди көрө алышпай, көпкө кыйналып да жүрүштү. Менин чыгармам тууралуу эч кандай пикирлерин айтышпай, мага «классик» жазуучуларыбыз гана сын тагып жүрдү…

Ошондой «классиктердин» бирөөнүн сын айткан сөзүнө бир ирет өз кулагым менен күбө болгомун.

Мезгил-мезгили менен Жазуучулар союзу партиялык жыйындарды өткөрүп турчу. Партиянын уруксаты жок эч ким Жазуучулар союзуна мүчө боло алчу эмес. Андыктан, баары партияга мүчө болуп, анан гана анын жолдомосу менен Жазуучулар союзуна алынчу. Жазуучулардын партиялык жыйындарына чоң-чоң мамлекеттик кызматкерлер да келчү. Алар эмгекчи элди социалисттик духта кантип тарбиялоо керек, аларга кандай чыгарма жазуу керек, соцреализмдеги чыгармаларга сын айтуу сыяктуу маселелер талкууланчу.

Ошондо «классиктерибиздин» бири капыстан трибунага чыгып калды. Мен да жыйында катышып отургам.

  • Эртеден бери жаш жазуучуларды эмгекчилдик духунда тарбиялоо жөнүндө пикир алыштык. Бирок, алар жаңылыш жолго түшүп алып, өзүлөрүнө жаңылыш пайдубал түптөп, адабиятты ууландырып жатса кантип тарбиялайбыз? Өткөндө командировкага Ысыккөлгө барып калдым. Бир колхоздо эмгекчи элдин талаада кантип иштегенин көрүп, алар менен пикир алышып, жакындан таанышкым келген. Ошентип, жолдо кетип бара жатсам аркаман бир ат арабачан киши чыгып калды. Мен ага жол бошоттум. Ошого карабай арабакеч атынын оозун тартты. Арабага жакшы аттар чегилген экен. Колхоздун урматтуу адамдарынын бири экенин дароо сездим. Ал мага: «Эй, байкеси, каякка баратасың?»– деди. Мен болсо: «Колхоздун эмгекчилеринин жумушу менен жакындан таанышуу үчүн талаа станына бараттым эле»,– дедим. «Аа, мен сизди эми тааныдым. Сиз баягы баланча деген атактуу жазуучусузбу?» Мен: «Ошонун дал өзүмүн» дедим. «Келиңиз, арабага отуруңуз! Каякка барсаңыз ошол жакка жеткирем. Эмне кааласаңыз ошону көргөзөм» дегенинен тиги арабакечтин жанына отурдум. Бир маалда ал мага карап: «Сиз жазуучусуз да, Айтматовду тааныйсызбы?»– деп калды. «Албетте, тааныймын», – дедим мен. «Андай болсо ага аны аябай токмокторумду айтып койчу!»– дейт. «Эмнеге?» – десем, ал айтат: «Жамийла жөнүндө бирдемелерди тантыраптыр. Эри фронтто жүрсө башка бирөө менен качып кетет имиш. Ушундай китеп кантип жазылсын?! Мына элдин пикири ушундай!», – деп улантты сөзүн «классик» жазуучубуз. «Мен элден уккандарымды гана сиздерге айтып отурам. Мына, ошол жазуучу азыр биз менен буерде. Тилекке каршы колубузда камчы жок. «Жамийладан» улам жей турган таягын мен азыр берет элем!» – деп сөзүн тамамдады.

Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Кишилердин баары мени карап, каткырып күлүп жатышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчыгылап да жибирди. Кээ бирлери болсо:

  • Туура! Мындайларга токмок гана керек! Элди бузган ушулар! Бул буржуазиянын таасири! Тап душмандары ушулардан баш көтөрөт! – деп кыйкырат.

Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок, чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды…»[1].

Мына ушундай кабыл алынууга, ушундай сындарды угууга Жамийланын өз мыйзамдуу бүлөсүн таштап кетиши айыптуу эмес эле, ага айыптуу жаш жазуучунун ийгилигин көрө албаган «классиктердин» ичи тардыгы, кандай нерсе болбосун социалисттик реализм менен байланыштырып, адабиятты чүлүктөп, советтик идеологияны сенек нерсе катары кабыл алган партиялык-тоталитардык жыга чапма адабий сын, жасалма көз караштар айыптуу болгон. Жогорудагы ичтен чыгарылган «окурмандын» негизги дооматы – Жамийланын «эри фронтто жүрсө башка бирөө менен качып кеткендиги». Демек бул кыргыз салтында, улуттук тарбияда жок нерсени жазуучу көтөрүп чыкты, каарманын оң образ кылып көрсөтүп салды дегендик. А чындык кандай? Жамийла улуттук тарбия көрбөгөн, таалим албаган кызбы?

Чыгарманын кириш бөлүгүндө эле баяндоочу каарман баланын чоң үйгө таандык экендигин, алардан башка да кичи үй бар экендигин билебиз. Чоң үй менен кичи үйдүн адамдарынын генетикалык байланышы жакын, себеби алар эки-үч гана ата өткөн. Булардан башка көчөсүндөгүлөр бүт эле бир атанын балдары. Кыргыздардын уруулук жашоо ыңгайы, турмуш шарты ушундай бир атанын балдарын бири биринен алыстабоого үйрөткөн. Балдар да ошого тарбияланган. Сейит – чоң үйдүн баласы, демек, ага кичи үйдүн оокат-тиричилиги эле эмес, андагы адамдардын тагдыры кошо тапшырылган, кичи үйдөгүлөр бир нерсе болсо бүт көчө – бир атанын балдары жооптуу болсо да, ошолордун ичинде эң биринчи чоң үйдүн балдары жооптуу.

Советтик чыгыштаануучу Н.Х.Калемин 1925-1926-жылдары кыргыздардын жерине келип, андагы үч болуш элдин ичинен үй-бүлө түзүлүшүн изилдеген. Ушуга чейинки болгон үй-бүлөнүн эки тибин ажыраткан: биринчиси, күйөөсүнөн, аялынан жана бойго жете элек балдарынан турган аз сандуу үй-бүлө; экинчиси, үч муундун мүчөлөрүнөн куралган чоң үй-бүлө (чоң үй). Кагазга түшкөн маалыматтар боюнча айрым үй-бүлө мүчөлөрү жана алардын мүлкү төмөнкүдөй көрсөтүлөт:

  1. Жаныбековдордун үй-бүлөсү (моңолдор уруусунан): үй-бүлө башчысы, төрт аялы, төрт уулу, үч келини, сегиз небереси, Жаныбектин иниси, анын эки аялы, төрт уулу, беш кызы, төрт келини, алты небереси. Yй кызматтарын аткарган алты адам. Баары – үч муунга таандык кырк сегиз жан. Мүлкү: эки миңдей кой, алты жүз бээ, алтымыш уй, отуз төө. Бул үй-бүлө Орусияга кошулганга чейинки алгачкы он жылда да ушундай жашаган.
  2. Ботогардын үй-бүлөсү (чоро тобунун, көкчөкөз муунунан): бүлө башчы, аялы, беш уулу, үч кызы, уулдарынын жети аялы, алардын жети баласы, бир небересинин аялы, бир чөбөрөсү, тууганынын жесири, анын эки уулу, сегиз малайы. Баары – төрт муунга таандык отуз жети жан. Менчик мүлкү: миң кой, беш жүз бээ, отуз төө, отуз уй. Булар 1903-жылга чейин, Ботогар өлгөнгө дейре ушул тейде ыдырабай келген экен.
  3. Тынайдын үй-бүлөсү (моңолдор уруусунан): бүлө башчысы, анын төрт аялы, жети уулу, төрт кызы, үч келини, үч малайы. Баары – жыйырма эки жан. Мүлкү: эки жүз кой, элүү бээ, жыйырма уй, беш төө. 20-кылымдын башында бузулбаган бойдон ушундай жашай берген.
  4. Токтоназардын үй-бүлөсү (моңолдор уруусунан): өзү, эки аялы, алты уулу, эки кызы, үч келини, бир небереси. Баары – он беш жан. Мүлкү: жүз элүү кой, жыйырма бээ, он уй, бир төө[2].

Жогорудагы этнографиялык фактылардан көрүнүп тургандай жана кыргыз урууларын изилдеген бир катар этнологдор (С.М.Абрамзон, Н.Х.Калемин, К.И.Антипина, К.В.Вяткина, А.Шибаева, Е.М.Махова) баса белгилегендей чоң үйгө башка кичи үйлөр көз каранды болуп, баш ийип жашаган, алардын ортосунда мал-мүлкү чогуу турган. Мында өзгөчө ролду үй ээси ээлеп, андан мурда тамакка кол узатышпаган, ал киши төргө отуруп, сол жагына байбичеси отурган[3].

Жашоонун ушундай образы аңчылыкка салбуруундап бирге чыгуудан, малды бирге багуудан, эгинди биргелешип сээп, биргелешип кароодон ж.б. турмуш-тиричиликтик жагдайлардан келип чыккан. Боз үйдүн жасалгаларын жасоо, же аны тигүү жумушун жалгыз-жарым киши ишке ашыра алган эмес, жайлоодо малга тийген жырткычтардан коргоону, малды жаюу, жылкы союу үчүн да үй-бүлөлөрдүн бирдиги керек болгон. Кыз чыгарганда, же уул үйлөгөндө, там салганда сөзсүз бир атанын балдары жардамдашкан, а түгүл эрте менен кымыз жаңы ачыганда, союш союлганда, малы төлдөп ууз жасаганда бир атанын балдары чакырылган. Бул өз кезегинде балдарды жамааттык тарбиялоо катары ынтымактуу болууга, бирдей аракет кылууга көндүргөн.

Мына ушундай турмуштук уклад – үй-бүлөлүк-уруулук коллективизм Чыңгыз Айтматовдун балалык чагында ал жашаган Шекер айлында кандайдыр бир деңгээлде жашоосун уланткан, али үй-бүлөнүн байыркы формасынын жугу-журту калган. Ага бала катары Чыңгыз, сүрөткер катары Айтматов, адабий каарман катары Жамийла туш келди. Повесть жарыяланган соң башка улуттагы адабиятчылар, эстетиктер, философтор Жамийланы кыргыздык патриархалдык-уруучулук үй-бүлөсүнүн капасын тээп чыккан, феодалдык жапайы жашоодон советтик социалисттик үй-бүлө курууга кадам таштаган, өз бактысын издеген каарман катары көрсөтүшүп, дал ошонусу менен дүйнөгө даңазалап «дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян» (Л.Арагон), «сүйүүнүн гимни» (А.Стиль) деп жиберишпедиби. Аларды ошол сөздү айттырууга негиз берген Жамийланын үй-бүлөсүн таштап, башка бирөөнүн этегин кармап кетиши болгон. Кыргыз интеллегенттеринин айрымдарын убайга салган да ушул эле. Мында Жамийла менен Садыктын, патриархалдык үй-бүлө менен советтик үй-бүлөнүн, буга чейинки кыргыз адабияты менен жаш жазуучунун гана бири-бирин тануусу, пикир келишпестиги эмес, традициялуу кыргыз салты менен дүйнөлүк цивилизациялык агымдын кез келүүсү ишке ашкан сыяктанат. Ушул жерден конкреттүү суроо туулат: айрым кыргыз жазуучуларынын оозунда ушул күнгө чейин айтылып келген Жамийлага карата «жалап» деген жаманатты сөз туурабы, Жамийла өз бактысын издеген жаңы замандын кызыбы, же элдик тарбияда эле чоңойгон кадимкидей нарктуу кыргыз кызыбы?

Баяндоочу каармандын чыгарманын прологундагы үйбүлөлүк жагдай тууралуу учкай айткан кебин угалы: «Биз башынан эки үй жанаша турабыз. Yч кез дубалы мыктап салынган, мечит жактагы дөбөчөдө турган бак-дарактуу короолор ошол биздики. Мен чоң үйдүн баласымын. Агаларым согушка кетип кабар жок, экөө тең үйлөнө элегинде кеткен. Карыган атам жыгач уста, колхоздун жүрүп турган ушул тактай араба, шады араба – баарысы дээрлик ошол кишинин колунан чыгып турат, таңдан намазын окуп устаканасына кетет да, күн бата келет. Yйдө апам менен карындашым бар.

Берки кичи үйдө болсо биздин жакын туугандарыбыз турат. Жакын дегиним ортобуздан эки-үч ата өтсө да, алар менен башынан малыбыз, жаныбыз бир. Тээ чоң аталарыбыз бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу турушкан экен, ошолордун салты менен биз дагы арабызды алыстатпай, кол үзгөн жокпуз. Колхоз уюшулганда аталарыбыз короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушуптур. Ал гана эмес, эки суунун ортосундагы биздин Арал көчө ылгай эле бир атанын балдары.

Кийинчерээк берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калат. Илгертен калган адат боюнча агайын-туугандар жесирдин башын байлап коелу деп, арбак, кудайга тууралап: менин атама никелештирип коюшат. Ал үй жонунан өзүнчө түтүн болуп саналып, мал оокаты, чарбагы бөлөк болгону менен, чынында биз баарыбыз бир үй-бүлө болчубуз. Алардын да эки уулу аскерде. Улуусу – Садык жаңы эле келинчек алганда кетти. Фронттобуз деп анда-санда алардан кат келип турат. Кичи үйдө кичи апам менен анын келини эле калышты. Ал экөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. Кичи апам, аны айылдагылар Иштерман деп коюшат, ээ бир дүйнөдө табылбаган карапайым, сонун киши да. Түк бир бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык да чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөйт. Анын келини Жамийла, кудай билип бергенби бейм, ал дагы жумушка кайраттуу, мыкты келинчек, бирок мүнөзү башкачараак»[4].

Мына ушул баяндоодо салттуу кыргыз үй-бүлөсүнүн бир топ белгилерин көрөбүз: эки үйдүн жанаша турушу; карыган атанын таңдан туруп намаз окуп жумушка кетиши; ортодон эки-үч ата өтсө да жакын туугандардын бир турушу; жакын туугандардын башынан малы, жаны бир болушу; чоң аталардын бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу экендиги; аталар салты менен балдарынын дагы арасын алыстатпай, бири-биринен кол үзбөшү; аталардын короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушу; көчө ылгай эле бир атанын балдары экендиги; берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калганда илгертен калган адат боюнча агайынтуугандар жесирдин башын байлап коелу деп чыгышы; жесирди тууганына алып берүү үчүн арбакты, кудайды ортого салып, ошолорго туура келтирүүсү; кичи апанын бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык да чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөй жүрүшү ж.б. Демек бул үй-бүлө бардык жагынан алып караганда кылымдардан берки кыргыздардын салтын, үрп-адатын, ошонун ичинде педагогикалык традицияларын алып келе жаткан жана аларды башка диндер, башка салттар, башка улуттар менен, а түгүл башка коомдук-саясий, экономикалык-маданий формация болгон социализм менен бетме бет келтирген үй-бүлө болду. Жамийла дал ошол үй-бүлөгө туш келди, Айтматов каарманын сыноодон өткөрүү үчүн дал ошол үй-бүлөнү тандап алды.

Yй-бүлөнүн билерманы да, баарын жай-жайына коюп турганы да – байбиче. Ал – «эки үйдүн ынтымагын, ырыс-берекесин сактаган», «билерманы да», «эки үйдү адилеттүү башкарганы да», «айылдагы эски нускалуу да», «кадырман да» байбиче, Сейит айткан апасы. Жамийла ошол кишинин дегенинен чыкпай, ошого баш ийип, ошол кишинин жолун улантышы керек, аны үчүн башка жол жок. Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө келин менен кайын эненин өзүнчө сакталуучу эрежеси, жүрүш-турушунун, мамилелеринин калыпка түшкөн нормалары болот. Байбиче «үй-бүлөнүн үй тиричилигин башкарган, келиндерине жана кыздарына буйрук берген, алар аткарууга тийиш болгон үй жумуштарынын түрлөрүн белгилеген. Ал кыз-келиндерине жип ийрүүнү, сокмого калың жүк таарларын согууну, аркан эшүүнү, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кийим тигүүнү, сайманы үйрөтүп, аларга түшүндүрмө берип турган. Байбиче кандай жана канчалык санда тамак даярдоо керектигин айтып, ал үчүн азык-түлүктү бөлүп, меймандарды кабыл алууга сөзсүз катышып, алар үчүн тамак асууга буйрук берген. Кыздардын жана келиндердин адептүүлүгүнө көз салуу да байбиченин милдетине кирген. Ал жүрүш-туруштун эрежелери жөнүндө аларга насаатын айтып, үйдөн көп чыгууга жана чоочун эркектер менен сүйлөшүүгө тыюу салган»[5]. Ал эми келиндин кыргыз үй-бүлөсүндөгү орду башкача. Аны жазуучу өзү дал ушул Жамийланын прообразы тууралуу айтып жатып мындайча трактовкалайт: «Келин» деген сөздүн өзү эле айтып тургандай, «кел», «бизге кел» деген мааниде. Келин бүлөгө кийин келген, жаңыдан кошулган адамдын аталышы. Башка үй-бүлөдөн келип, бул үй-бүлөдөгү жигит менен баш кошкон ургаачы ошол үйгө, айылга келин болот. Келин келген жердеги салт-санаага ылайык мамиле жасайт, жүрүш-туруш күтөт, ийменет, анан бара-бара ык алышып, эл ичине сиңип кетет»[6].

Повесттеги башкы линиялардын бири дал ушул – байбиче менен келин мамилеси. Изилдөөчүлөр дал ушул мамиледен өөн издеп, экөөнү карама-каршы полюска коюп карап келди. Бирок чынында андай эмес. Экөөнүн ортосундагы мамиле салттуу кыргыз этнопедагогикасынын жоболорунан анчалык алыс аттап чыкпайт. Жамийла жаңы келин болуп келгенде жана бардык эпизоддордо кадимки салт боюнча Сейитти «кичине бала» деп тергейт, келиндик кылып бир байлам жоолугун ар дайым салып жүрөт. Бригадир Орозмат келип Жамийланы араба айдоого чакырганда эң алдын өз кайын эне, кайын атасынан эмес, байбичеден уруксат сурайт, ал эми байбиче келинин аяп, келинин эркектин жумушуна – араба айдоого чыгаргысы келбейт. Бирок акыры байбиченин Жамийланын араба айдоосуна макул болушуна үч нерсе себеп болот: биринчиси жалгыз эркек баланын, байбиче айткандай «тырмактай неменин» Сейиттин «айдай берсин, аны эмне карышкыр жейт беле» деген эркектик сөзү, ал эми эркектин сөзү кыргыз үй-бүлөсүндө ар дайым чечүүчү учурда чекит коер сөз болгон; экинчиси, кайниси Сейиттин кошо жүрүшү, бул салт – жеңе менен кайнинин бирге жүрүшү ар дайым элдик жөрөлгө боюнча иштин оң жагына чечилүүчү нерсе болгон; үчүнчүсү, Орозмат бригадирдин согуш учурун, эркектер жогун түшүндүргөн нускалуу кеби, ошол учурдагы жалпы ситуация. Мына ушулардан кийин нарктуу, салттуу тарбияда жүргөн байбиче келининин араба айдоосуна кыйылып жатып аргасыздан макул болот.

Бул үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо өзгөчө салттуулук өкүм сүрөт: «өздөрү чапкан алты канат боз үйдү ар жылы жаз чыгары менен короого тигет», «үйгө арча түтөтүп, кут сактап турат», «балдарды тектүү, катуу тарбияда өстүрөт», «үй-бүлө апанын айткан-дегени менен болушу керек». Жамийла ушул төрт уулу аскерге кеткен байбиченин жалгыз келини. Ал салт боюнча энелерден ийменип, аларды сыйлачу. Энеси да жеңе-желпилер сөз кылып келсе, келинине болушуп: «Ошондою мейли! Келинибиз ошондой ачык-айрым, тайманбас… Адамдын ичи-койну ачыгы эле жакшы болот, сасыткылар кайра ошо тымпыгыйлардан чыгат», – деп турат. А түгүл эки үйдүн башчы энеси Жамийланы тымызын ичтен жактырып, күчтүүлүгүн, адилеттүүлүгүн баалап, өзүнө тең көрүп, ыраазы болуп, «эки үйдүн башын коштуруп, очоктун ырыс-берекесин сактаган өзүндөй мыкты орунбасар» катары санап, көзү өтсө ордуна калтырып кетер кандидатураны көрөт. Таалим-тарбиялык эрежеге ылайык ата балдарынын бирөөсүн, эне келиндердин бирөөсүн өз ордуна калтырган, аны үчүн алар тигил талапкерлерди түрдүү-түмөн турмуштук сыноолорго атайын кабылтып, ошолордон өткөрүп көргөн. Жамийла ошондой үй-бүлөнүн башкы адамы болууга татыган келин. Демек ал болочокто кыргыз салты боюнча байбиченин ролун аткарат да, ага бүтүндөй чоң үй-бүлөгө баш көз болуу, кийинки муунду тарбиялоо милдети аркаланат. Бул салттуу кыргыз үйбүлөсүндөгү өтө чоң ишеним.

Байбиче ошол орун басарына, келечектеги үй-бүлөнү башкарып кетчү адамга этнопедагогикалык нарк-насилин айтууну өз милдети катары эсептейт: «Аллага шүкүр, тектүү, куттуу жерденсиң, балам. Ал да болсо сенин багың, ушуну билип жүр. Аял деген кудай этегинен айтып, үйүнө береке турса, башка эмнени тилемек эле. Мына жыйгантергенибизди биз чал-кемпир кошо алып кетмек белек… Кадыр-баркыңды сактасаң, энчиңе бак-дөөлөт сактаганың ошол, балам»[7]. Элдик түшүнүк боюнча келиндин бактысы: тектүү жерге түшүшү (1); куттуу жерге келиши (2); кудай этегинен айтып, балалуу болушу (3); үйүндө берекенин турушу (4); кадыр-баркын сакташы (5). Ушул алтын эрежелер, ушундай элдик кодекс сакталса гана энчисине бак-дөөлөт сакталат (1); чал-кемпирдин жыйган-тергени ошого калат (2); байбиченин байбичелик функцияларын аткаруу үчүн анын казанын, камчысын колго алат (3). Жамийла бардык жагынын мына ушуга татыктуу, кудай буйруса, потенциалдуу байбиче.

Мындай караганда баары өз-өз орду менен баратат, кыргыз үй-бүлөсүнүн кадимкидей бир көрүнүшү. Ал эми Жамийлага байланыштуу айрым жагдайлар, кийин апогейине жетип баруучу айрым нюансттар анын элдик тарбия албай калышында эмес, башка жакта – анын мүнөзүндө буулугуп, бекинип жаткансыйт. А түгүл ошол шайырдыгы, арыктан так секирип өтүшү, эркелиги, шаңкылдап каткырып жибергени, үйгө жүгүрүп келгендиги, качан болбосун ырдап жүрүшү да анын образына көлөкө түшүрбөйт, тарбиясына шек келтирбейт, кайра аны улуулар, ошол эле байбиченин өзү да: «Бала да, бара-бара салмак тартар» деп актап коюшчу. Демек, бардык жагынын эле Жамийла элдик тарбияда таалим алган кыз, анын тарбиясына советтик мектеп кандай таасир эткенине автор атайылап бир дагы жолу басым жасабайт, ошол эле кезде анын элдик тарбия салттарынан рухий башат алганын көрсөтүп отурат.

Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков өзүнүн жаш мугалим кезинде Кадамжай районунда өткөргөн бир сабагы тууралуу мындайча жазат: «Доскага «Обон» деп бадырайтып жазып койдум. Анан аларды (кечки мектептин окуучуларын – М.А.) кепке тарттым:

  • Өзүңөр күбөсүңөр, балким айрымдарыңар согушка катышкан чыгарсыңар. Улуу Ата Мекендик согуш мезгили… Кыргыз айылдарынын биринде Жамийла деген келин болгон. Жары Садык армияда кан кечип, Ата-Журтубузду фашисттик жырткычтардан коргоо үчүн күрөштө жүргөн. Ошол учурда Жамийла Данияр дегенди жактырып калып, жоокер күйөөсүн күтпөй башка бирөөнү ээрчип, качып кетиши туурабы?

Класс тымый калды. Анан пахтачылык боюнча №3 бригаданын бригадири Патта аке сүйлөдү:

  • Жа туура эмес, ал өзүнүн күйөөсүн күтө албады. Эмне десеңиз, ал өз күйөөсүн элүү жыл болсо да күтсө болмок. Не дегенде Садык өзүнүн керт башын коргоп эмес, эл-жерин, ошол Жамийланы да коргоп, согушта жүрү.

Жамийла жуда куник адам.

  • Дагы ким сүйлөйт?
  • Мен йам гап уруп калайын, үкө, – деди кара мурут-туу москоол, кырк жаш чамасындагы киши ичкилик кыргыздардын диалектисинде чалып сүйлөп. – Жамийлага нема жетишпейт: кан күйүп, согуш болуп жатса, эринин башын аттап, эр издейт. Онун пикирин кара…
  • Эми ушул эки пикирден, – дедим мен, – жыйынтык чыгаргылачы. Демек, Жамийла от менен чокту кечип, элинин таалайы үчүн күрөшүп жаткан жубайын күткөн жок. Көңүлүнө жаккан бир жарадар жигитти ээрчиди да, кетти. Ал – туруксуз, жеңил адам. Буга баарыңар макулсуңарбы?
  • Жа макулбуз, – дешти баары»[8].

Мына ушуга караганда Жамийланы кабыл албоодогу эң биринчи каармандын кемчилдиги – анын элдик этикалык, ыймандык эрежелерди, улуттук салтты сактабагандыгы деп түшүнүштү. Бул кабыл алуу жөнөкөй калк ичинде гана эмес адабиятчылар чөйрөсүндө да болгондугун Камбараалы Бобулов минтип эскерет: «… Бирок кээ бир жолдоштор никелүү күйөөсүн чанып, Данияр менен Жамийланын кол кармашып качып кетишин жактырышпай, куттуу үйдүн, каадалуу кайын эненин баркын билбеди, бул чектен чыккан кашкалык деп айтып коюп жүрүшөт»[9]. Ошол эле адабиятчы «Обон» повести «Ала-Тоо» журналына чыккан соң Кыргызстан Жазуучулар союзунун проза секциясы чыгарманын тили боюнча талкуу уюштуруп, анда 23 киши чыгып сүйлөп, ошондон экөө (К.Асаналиев, К.Бобулов) гана чыгарманы жактагандыгын жазат[10]. Мындагы талкуу повесттин тили болгону менен негизги маселе Жамийланы кыргыз салтын бузуп кетти деп айыптоого, авторду элдик салтты билбеген европалык ой жүгүртүүдөгү адамга чыгарып, аны жыга чабууга багытталган. Бул айыптоонун чын-төгүнүн ошол эле элдик таалим-тарбия салттарынын алкагынан чыгып, чыгарманы кайрадан окуп, кайрадан бир нече учурга көңүл буралы.

Биринчи учур. Жамийланын Осмон менен болгон конфликти. «Бир жолу чөп чабыкта, улам эле жөнү жок ыржалактап, айтканым сая кетпейт дегендердин бири – биздин тууган сөрөй Осмон тийише бергендиктен, Жамийла анын сенек колун жактырбай силкип салды да, көлөкөдө отурган жеринен өйдө боло берип:

  • Турчу нары! – деди. Анан тескери карап, өзүнчө ка-палана үшкүрдү. – Аңгиликтен башка колуңардан эмне келет дейсиң?

Чөп маянын түбүндө талтая жамбаштаган Осмон, шилекейленген калбык ээрдин кекерлене түйрүп, бышкырды:

  • Тигини, мышык этке жетпей жатып сасык дейт… Мурдуңузду чүйрүбөй эле коюңуз! Кесирди эмне кылат экенсиң: көзүң катып өлүп эле жүрөсүң го…

Жамийла жалт бурулуп кубара түштү:

  • Өлсөм өлүп жүргөндүрмүн, кудайдын башка салганы! Бешенебиз ушул экен – сен акмак, андан эмне күлөсүң? Көзүм катмак турсун миң жыл так өтсөм да, сага окшогон шүмшүккө кесиримди артканым арткан! Акмаксың, баягыдай тынчтык замана болсо, көрөр элем ушинтип айтканыңды!
  • Ошону айтам да! Согуштун кесепетинен камчынын уусуна сугарылбай кутуруп жүрбөйсүңбү. – Осмондун көзү жүлжүйө майланышып, ал эрдин тиштене тамшанып алды. – Менин гана катыным болуп калсаң ээ…

Эриндери дирилдеген Жамийла Осмонду бардык күчү менен жекире карап, бир нерсе айтмакчы болуп ага умтула берди да, анан: «ушуга айткан кайран сөз» деди окшойт, «түү» деп тигини көздөй жийиркеничтүү түкүрүп, жерде жаткан айрыны ийнине салып, унчукпай четке басты»[11]. Бул деталь окурманды Жамийланын тазалыгына ишендирүүнүн башталышы, окурман анын моралдык турпатына, аялдык абийирине көз салсын үчүн атайын чалгын катары автордун киргизген маанилүү учуру. Эч убакта бул анын бейнесин европалык кыздарга жакындатпайт, кайра аны терең улуттук тарбияда, чыгыштык менталитетте өскөн кыз катары көрсөтөт. Эгерде Жамийла повесттин оппонеттери ойлогондой жеңил ойлуу, бузук келин болгондо Осмон менен мындай сүйлөшпөйт эле, минтип муңканбайт болчу.

Экинчи учур. Данияр менен ээрчишип кетердин алдындагы каармандын ички толгонуулары, психологиялык кыйналуу абалы. Ошентип Жамийла Даниярга берилип калды, жалгыз гана Данияр Жамийланын көңүлүн тапты, дал ошону менен эле алар кол кармашып «жүрү кеттик» деп кете бериштиби? Жок, өтө кыйналды, аны кыйнаган дал ошол кыргыздардын этникалык жүрүм-турум эрежелери болду. Эгер ал орустун кызы болгондо дароо эле Данчигин алдыга салып, же артынан ээрчитип, «прощай, мама» деп чемоданын салыштырып кете бермек. Анын тарбия-таалими андай эмес болуп чыкты, чабандын кызы, нарктуу колдун келини ага бара албады. Жамийла үйжайды таштап, кан майданда жүргөн күйөөнү таштап, кайын эне, кайнини таштап кетип калышты чечкенге чейин каармандын ички дүйнөсүндө далай жолу кыян-жаян кармаштар болуп өттү, эчен толгонуп бул ой менен тигил ойдун салышына дуушар болуп, автор муну кыска гана сүйлөмдөр менен аз гана деталдар аркылуу кылдат чечип берет: «Ал эми Жамийланын өзгөрүлгөнү эмне! Баягы тамашакөй, шайыр мүнөз келин эмне үчүндүр жоошуй түшүп, анын мурда ойноктогон өткүр көздөрү эми ичтен муңдана, тумандуу жазгы күн сыяктуу, жылуу мээримге толуп, назик тиктейт. Жолдо кетип бара жатканыбызда, Жамийланын жүзүнөн дайым бир ой кетпей, ээрдинде үлбүрөгөн күлкүнүн көлөкөсү адашып, ал өзү гана билген кандайдыр жакшы бир нерсеге ичи жылыгансып, ошого сүйүнгөн өңдүү туюлат. Кээде болсо, тескерисинче, алда эмнеден эси чыккандай, капты арабадан ийнине силкип алып, ошол бойдон ордунан козголбой туруп калат. Оргуштана аккан суу алдынан кокус кездешкендей, ушул шок сууну кечсемби, же кечпесемби деген сыяктуу, Жамийла ошондо илгери аттагандан коркуп, дал болуп апкаарыйт. Даниярга болсо, ал эмне үчүндүр жакын жолобой, көзүнө тик кароодон качып, сырттап жүрдү»[12].

«Жамийланын колу ошол сунулган бойдон ылдый түшүп, арабанын кырына барып тийгенде, ал эсине келе түшкөндөй селт этип, колун тарта коюп, ордунан жылбай туруп калчу. Жолдун ортосунда селейип каткан Жамийла, ошондо жүрөктү элжиреткендей, муңга чайылган, жалынычтуу көз караш менен бир топко чейин Даниярды узата карап анан кайра артынан сендиректей келет»[13]. «… Даниярдын ыры аягына жетпей, эмне үчүндүр кескин үзүлдү. Мындай карай салсам, Жамийла Даниярды бек кучактап, бир оокумга аны жүрөгүнө кысып калган экен. Бирок ошол эле жерден чочугандай кийин боло берди да, арабадан секирип түштү. Данияр шашканынан тизгиндерди тартып, аттарды токтото калды. Жамийла тескери караган бойдон, жолдун ортосунда сендиректеп турду да, бир убакта мойнун шарт кайрып, ыйлачудай дирилдеген үн менен ачуулуу айтты:

  • Эмне карайсыңар? Эмнең бар менде? – Анан тура түшүп, – караба мени, айда арабаңды, кет! – деди да, артта калган арабасын көздөй басты. Мен дал болуп, оозумду ачып калган экемин, жеңем мени да жемелей кетти:
  • Сага эмне жок эле! Түш арабаңа, делдейбей! Ок-шошкон макоолор, кудайдын азабына гана калган экем да силер менен!»[14].

«Жамийланын» бүтүндөй сыры ушундай психологиялык абалдын татаал диалектикасында жатат. Эгер эпикалык Айчүрөк болочок жары Семетейди издеп жөнөө үчүн мынчалык ичтен толгонбогон болсо, реалисттик прозанын «интенсивдүү тереңдетилген психологизмге багыт алган» (К.Асаналиев) чыгармасы «Жамийланын» аял каарманы ичтен бушайман болот, миң түркүн толгонуулардан өтөт, ушуларда анын элдик наркты, салтты сактай билиши көрсөтүлөт, ошол эле кезде ал бир келген сүйүүсүн жоготуп албоо үчүн күрөшүү керек экендигин аялдык инстинкт менен да, адамдык акыл-эс менен да туят. Ошон үчүн ал Даниярга өзү келип атпайбы. Ал эми анын бул келүүсү К.Асаналиев айткандай: «Бул анчейин эле «чоң» үйдүн же «кичүү» үйдүн жол-жоболорун бузуу, же жөн эле никелүү күйөөсүн таштап кетүү эмес. Эгерде повесть никелүү күйөөсүн таштап кеткен аял жөнүндө гана болсо, анда ал ошол темадагы жазылган чыгармалардын карандай туурандысы болмок. Ачыкка биринчи чыгыш, андан кийин артынан издеп «өзү келиш» – бул Жамийланын гана колунан келет»[15]. Бирок ошол эле кезде бул келүүсү менен Жамийла ата-салттарын тебелеген жок, өзүнүн тарбиясыздыгын көрсөткөн жок, бул жердеги автор алып чыккан башкы нерсе – сүйүү эркиндиги, сүйүүнүн күчү, анын «көзү көрбөс» (Алыкул Осмонов) керемети. Дал ошол сүйүүнү кыргыздын эң соңку патриархалдык, салттуу үй-бүлөлүк очогуна алып келип алып сынап аткан жазуучунун баатырдыгын карабайсызбы да, каармандын күчтүү рухуна ыраазы болбойсузбу?

Жамийла келиндин үй-бүлөсүн таштап кеткенине кол чаап ураалаган башка бир адабиятчылар тобу аны күйөөсү Садык менен кокус кошулуп калгандыгында, экөөнүн ортосунда ысык мамиленин, ынак сүйүүнүн жоктугунда дешет. Мисал катары Садыктын кызкуумайда жетпей калып намыстанып Жамийланы качырып келген деген имиш бар. Бул повесттин логикасынан, каармандын аракетинен, мүнөзүнөн алып караганда ишенимдүү эместей, себеби Жамийла ушул мүнөзү менен Садыкка отуруп бере тургандай, «таш түшкөн жеринде оор» дегенге көнүп кала тургандай кыз эмес. Экинчи дагы имиш бар «андай эмес эле экөө көңүлү менен кошулушкан дешет абысын-ажындар». Мындай вариант да бар. Демек, экөөнүн баш кошуусунда трагедия, башынан ээрге кыйшык отуруу жок. Анан калса аскерден кат жазганда Садык баарын сурап келип, акыр аягында гана «жана да аялым Жамийла аман-эсен турабы» дегенин өөн көрүп, ушундан Жамийланын көңүлү калды, ушундан экөөнүн мамилеси жакшы эмес экен деп боолгологондор чыкты. Ал эми кыргыз салтындагы элдик тарбия андай эмес, ата-энесинен, эл-журтунан, тууган-уруганан мурда аялын биринчи планга коюу, ошону суроо бул салтта жок жоосун, антип тарбия көрбөгөн эркек сурайт. Бул жердеги Садыктын каты да элдик нарктан келип чыгууда, аны тексттин ошол кат келген бетинде баяндоочу Сейит өзү да мойнуна алып «бул өзү салттагы иш» деп атпайбы. Садыктын катынын аягында гана Жамийланы сурап коюшу анын кемчилдиги эмес, бул анын элдик салтты сактаган улуулугу. Жамийла да элдин салт-наркын билген кыз катары андан капа болмок эмес. Г.Гачев «кат сөзү бул – терең коомдук, мамлекеттик, ыйык сөз» деп айткан менен[16], ал кыргыз айыл калкы үчүн эми гана балдар фронтко кетип, жаңыдан башталган көрүнүш, али салттык деңгээлге көтөрүлүп жете элек нерсе болгон, аны али гачевдик критерий менен караганга кыргыз реалийи шарт түзө элек болчу. Айтмакчы, бул повесть тууралуу алгачкы жолу дүйнөлүк культурологиянын, фолькордун, а түгүл табигый илимдердин айкалышында ар тараптуу жана кызык пикир айткан Г.Гачев чыгармадан көбүнчө «патриархалдык уя», «улуттук көркөм аң-сезим менен улуттук өзгөчөлүү конфликт» издеп жана кыргыз патриархалдык үй-бүлөсү менен «патриархалдык эмес» шаардык орус семьясын салыштырууга көбүрөөк ооп кетип, каармандардын ички жана сырткы дүйнөлөрүн, окуялардын өсүшүн, конфликттердин чоо-жайын кыргыздын накта этностук педагогикасы менен анализдөөнү арткы планга калтырып койгондугу өкүнүчтүү, дал ушундай караганда анын изилдөөсүнүн баа-баркы дагы көтөрүлмөк[17].

Жамийла – элдик тарбиялык салттардын «реформатору» да, «революционери» да эмес, ал ошол эле салттардын ичинде жүрүп, анын алкагынан чыкпаган жөнөкөй бир жайлоодогу кыргыз кызы.

Жамийланын образынын эң талуу жери – Жамийланын таштап кетип жаткан күйөөсүнүн жоокер экендиги, Ата Журтун коргоодо жарадар болушу, «бир-эки айда үйгө кайтып каларман» деп атайын айттырышы. Балким Садык согуш учурунун эмес, башка учурдун адамы болуп, аялына дайын-дареги жок бирөө болсо, же согуш убагы болуп эле, тылдагы күпүлдөп жүргөндөрдүн катарында турса, мейли эле дейли, же дайынсыз жүргөндөрдүн бири катары эсептелсе, же согушта апаат болуп, «каракагаз» келип, никелүү аялы бетин тытып ыйлап, жок дегенде бир жылдык ашын өткөргөн болсо, анда окуя да, повесттин чыры да мынчалык болмок эмес, жазуучунун көрөгөчтүгү дал ушунда турат, чыгарманын ашык-кеми жок тактыгы, жаңычылыгы ушунда катылып жатат. Жамийла таштап кеткен Садык кан майдандан кайтып келе жаткан жоокер, куду эле ал жаңы тапкан Данияр сыяктуу эле от кечип, эл коргоп Атамекенге ак кызмат кылган атуул. Анан калса Садыкка карата автор мурдагы кыргыз адабиятынын терс каармандар галлереясындагыдай образ жаратуу милдетин албайт, баяндоочу Сейит да Садыкты кара боектор менен тартпайт, Жамийла да бир мертебе да күйөөсү Садыкка акараат келтирбейт, аны ушактабайт. Жамийла ошол адамды таштап жатат. Өз теңине жетпей муңканган Ак Мөөр, Кишимжан, Күлүсүн, Ажар мындай ишке барса, окурмандар дароо эле кол чаап, ырас болду деп, тигилерге боор ачып калмак, а Жамийлага андай болбойбуз. Тигил каармандар дале бунт кылышкан, тигилер дале качышкан, сүйгөнүн издешкен, бирок кимден качып жатат, кайсыл доордо качып жатат, кимге качып жатат, ушундай кырдаал, себеп-шарттардан алып карасак «Жамийланын» тереңдиги дагы ачылат да, тиги чыгармаларга караганда башкача позициясы дагы даанараак көрүнөт.

Повестте мындай деген сүйлөмдөр бар: « – Атасынын көрү, кетсе кеткени! Жол-жолдо самсып жүрүп, акыры бир жерде ачтан тороет да! Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей… Алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык»[18]. Ушул төрт сүйлөм менен жамийлаведдердин бир далайы Садыктын ким экенин «пайгамбарчасынан» баалап, Жамийла туура кылган, таштап кетип ажеп кылган, Садык анын теңи эмес болчу дегендей жеңил-желпи бүтүмгө келишти. Чынында кеп андан тереңде. Садык ал сөздү качан айтты? «Осмондор менен ичкилик үстүндө отурганда оозун көптүргөнү бар». Демек, бул анын дайыма айта берчү «төл сөзү» эмес, күндө эле ар кимге кайталай бербейт. Бул сөздү ал «бир жолу айткан» (1), «ичкилик ичип отурганда» (2) айткан, «Осмондор менен отурганда» айткан (3), жок, дагы подтекстке тереңирээк үңүлсөк «айткан» десек да болбойт, «ооз көптүргөнү» бар. Кыргыздын элдик педагогикасынын критерийлерине салып эми ушул сүйлөмдү талдап көрөлү: Осмон дегенди окурман повесттен жакшы билет, биринчи көрүнүштө ошол алысыраак тууган Жамийлага жалжактап тийишип, аны керек болсо өзүнө катын кылып алгысы келет, жөн эле уйпалап баса калууга умтулат, анын колу да сенек, колу жүрөгүнүн, дилинин ассоциациясын берет. Ылакап аты да «зөөкүр». Кийин Жамийла качып кеткенде Садыктын тууганы болумуш болуп, адатынча мас, «тепсетип кетчүдөй атын жулкунтуп бакырат:

– Ой, мен айтпай жүрдүм беле! Мына эми, бүт Олжобай атасына шермендечилик иш болбодубу? Бол аттангыла, жеткен эле жерден тентиген ит чала казакты жыга чаппасам, атым өчсүн, мейли он жыл моюнумда, бирок көрүнгөнгө Олжобайдын катындарын талоонго бербейбиз. Аттан жигиттер, кеттик! Кайда узайт дейсиң!»[19].

Мына ошол Осмон: уруунун аты менен дүйнөлүк улуттарга согуш ачуусу, адамгерчиликти уруп ойнобой турган, керек болсо түрмөнү эңсеп турган бир тип. Садык Жамийла тууралуу жанагы сөзүн ошол Осмондун алдында айтат. Ал андай кепти нарктуу аксакалдар дөңдө кеп курушуп отурганда айткан жок да, Осмон зөөкүргө, Осмон маска, Осмон потенциалдуу «зекке» айтты. Ага Жамийла тууралуу башка сөз айтууга мүмкүн эмес эле, эгерде андай кылып Садык Жамийла жөнүндө одасын айтса Осмондон көргүлүктү көрмөк. Анан дагы Садык ал сөздү «ичкилик ичип отурганда» айтат. А ичкилик ичип жатканда, адамдын мээси айланып, эмнелерди гана айтып таштабайт, демек бул Садыктын акылдуу, аң-сезимдүү айтылган сөзү эмес.

Ушулардан келип элдик тарбиялык эрежелердин чен-өлчөмдөрү менен таразалап туруп чыгара турган жыйынтык – Садык бул сөздү жагдайга карата эле ачуу үстүндө айткан деп түшүнүүгө болот турбайбы, чынында бир гана сөз Садыктын Жамийлага карата, аялзатына карата ынак сезиминин жоктугуна толук кепил болуп бере албайт жана да кат жазганда аягында Жамийланы сурап коюшу бул өзү чыгыштын жигиттерине мүнөздүү көрүнүш, ыймандуулуктун белгиси, кыргыз жигиттери ата-эненин, улуулардын (анын ичинде ошол Олжобай тукумунан Осмон да бар) алдында аялын эркелетпейт, аны менен эзилип сурашпайт, а түгүл майда-чүйдөнү кеңешип да отурбайт. Бул оң сапаттагы адамдын нравалык тарбиялуулугунун көрсөткүчү.

Жогорудагыдай деталдар менен эле Жамийла менен Садыкты эки уюлга коюп алып кароо жетишсиз, алардын элдик тарбиялык салттарды аттап кетти дегенге бул эпизоддор негиз бербейт. Жамийла – Данияр – Садык үч бурчтугун этикалык жана эстетикалык сабагы элдик педагогиканы аттап кеткендикте, эриш бузгандыкта, үй-бүлө ынтымагын ыдыраткандыкта эмес, тескерисинче дал ошол кыргыз элинин улуттук тарбиялык салтындагы – эркин сүйүүгө, адам эркиндигине умтулууну көрсөткөндүктө. Ошол эле кезде кесепет согуш адам өмүрлөрүн кыйып, шаарларды, кыштактарды кыйратып гана тим болбой, үй-бүлө мунарасын да кулатып, эчен очоктордун отун өчүрүп кетти. Автордун максаты мына ушуну окурманга ачып берүүгө багытталган.

Повесттин жазылыш тарыхы тууралуу кайрадан анын авторунун кебин угалы: «Албетте, бул чыгармамды да турмуштан калпып алгам. Мен чыгарма жазууда ар дайым Экинчи дүйнөлүк согушту элестетем. Бул согуш жеке эле биз үчүн эмес, бүткүл адамзат үчүн өтө азаптуу чоң жоготуу, ойдон кетпес окуя болгон. Бу уруш адамдарга өлүм менен ачарчылыкты гана алып келген десек, анын кесепетин азайткан болор элек, бул согуш дал ошол коомдогу адамдардын адеп-ахлагына да кол тийгизип, кылымдардан берки түптөлүп келген салт-санааны, ырасымды да чарпып өткөн.

Согуштан мурда турмушка чыккан жаш келиндер күйөөлөрү майданга кетээри менен эле эркин куш боло алган эмес. Кыз турмушка чыккандан кийин ошол барган жерден акыреттик орун-очок алууга тийиш. Жада калса күйөөсү фронтто курман болуп, жесир калса да, кайындары аны кое бербегенге тырышып, аракет кылышчу. Айрыкча, балалуу болуп калса өзү да эч кайда кете алмак эмес.

Ал кезде үй-бүлөдөгү, коомдогу жазылбаган мыйзамдар ушундайча болгон. Бирок кесепет согуш бул эрежелерди да бузуп жиберген учурлар кездешти. Агаин-туугандардагы ушундай бир окуя «Жамийланы» жазууга себеп этти.

Алысыраак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталганы калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Чыгармадагы Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизи – прототиби мына ошол жигит эле. Кийин бул эки бир тууган фронттон кайтпай калды.

Жамийланын прототиби болсо өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. Ал Шекерден эмес, коңшу айыл көксайлык. Мунун анча деле биз үчүн мааниси жок болучу. Биздин эл жада калса коңшу Казакстан менен да кыз алышып, кыз беришчү. Жамийланы кайсы үй-бүлөдөн мисал алганым жадымда жок. Согуш учурунда жаш келиндин жаманатты болбоосу, анын кайындарына берилип кызмат кылуусу жана күйөөсүнүн көзүнө чөп салбай, үрп-адаттын баарын сактап, күтө билүүсүнө байланыштуу эмеспи…

…1942-43-жылдары көп адамдар Кавказдан биз жактарга сүрүлдү. Алардын көбү чечендер, карачайлар, черкездер жана балкарлар эле. Бул элдердин айрымдары Сибирге, айрымдары Орто Азияга зордоп айдалган. Булардын мындай азабын Кеңеш бийлиги «Түпкү Ата Журтуна кайра кайтуу» деп жайгарган.

Шекерге улам-улам жарадарлар келип аткан, андайлар Көксай, Кировка, Грозныйга да кайткан. Арасында балдар үйлөрүнүн да тарбиялануучулары боло турган.

Даниярдын прототиби да ошондой эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит. Бир топ согуш жарадарлары менен бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды «өкмөттүн баласы» дешчү. Сол буту менен аксап басчу.

Бир күнү ал келбеттүү, жаркылдаган жаш келинибизге кезигип калат… Ошентип Жамийла менен Даниярдын ортосунда улуу махаббат оту жагылат.

Анан сүйүүгө мас ал экөө ошол мезгилде мендей бир өспүрүмдүн артыларынан калбай акмалап махабат майданындагы алардын кыймыл-аракетин, айткан-дегинин көзөмөлдөп жүргөнүн кайдан билишсин? Арийне, мен да анчалык эле көзгө көрүнө бербеген, капарга да алынбаган бир кичине бала элем да…

Бирок өзүм атайылап каалабасам да ал экөөнүн сүйүүсүнүн күбөсү болуп калдым. Кээде Данияр Жамийланы, кээде Жамийла Даниярды күтчү. Экөө чогуу жүк ташуучу арабага отурушуп, талааны көздөй жөнөшчү. Ээн талаада экөө ар дайым чогуу жүрүшчү.

Бир күнү эле айылдын баары ызы-чуу түшүп, сапырылып калды. Көрсө алардын айтуунда биздин келин фронттогу күйөөсүн күткөндөн баш тартып, кайындарын таштап, «аксак Данияр» менен түндө качып кетиптир…

Муну Каракыз апамдан уктум. Ал аябай ачуусу келип, жаалданып жатты:

  • Мурдатан бери эле эрди-катын болуп жашап алыш-кан турбайбы?!.
  • Эмне мурда көзүңөрдү ачкан жок белеңер?– дедим мен да.

Ал мага ачуулуу бакырды:

  • Не деген шермендечилик бул?! Эри фронтто жанын оозуна тиштеп согушуп жүрсө, катыны аны күтпөй кайдагы бир селсаяк менен качып кетет деген эмне?! Биздин уруунун бетине көө жапты! Шерменде! – Ушинтип туруп мага жакындап:
  • Эмне сен алардын мамилесин мурда эле билчү бе-лең?! Аларга жан тартып, чогуу жүргөн экенсиң да?!..
  • деди.

Мен жооп бере албай калдым.

Жамийла менен Данияр талаадан эгин ташычу. Кээде үчөөбүз чогуу да иштеп калчубуз.

  • Бир аз мурда Даниярды базардан көрүпсүң да! Балким азыр темир жол стансасына баратышат. Туру, батыраак аттанып, Жамийланы тап! Аларга иштин жаман аяктарын айт! Жамийла кайра кайтсын! Аны биз кечиребиз! – деп бакырды эжем мага.

Мен аларды кууп станцияга чейин бардым. Экөөнү станциядан таап да алдым. Кол кармашып кетип баратышыптыр. Артынан барганга аябай уялдым, уялгандан эмне деп айтарымды да билбей элейдим.

Жамийла мени дароо байкап, уялганымды да көрдү:

  • Эмне болду? Сени аркабыздан жибердиби?
  • Ооба, сени кайтсын дешет? – дедим жер карап.
  • Бекер эле убара болбо. Силерди да түшүнөм… Бирок мен эми кайра кайтпайм. Мен бул киши менен жашаймын.

Ал каякка барса мен да ошол жакка кетем…

Ушундай жооп берди. Ооба, ошентти»[20].

Мына ушуга караганда Жамийланын турмуштан алынган негизи да – элдик салтты аттап кетпеген эле келин, эгер согуш болбосо, анын Данияр окуясы да болмок эмес, аны келген жери да урматтап сүйүп, кайра келсе кечиребиз дешет. Реалдуу турмуштук адамды адабий образга өткөргөндө жазуучу албетте, согуштан кайтпай калган күйөөнүн Садыктын прообраздык бейнесин кыйла тереңдетип, окуянын кульминациясын курчутуу үчүн аны кайтып келаткан адам катары чагылдырат.

Ушундайлардан улам «Кыргыз элинин турмушун жана жеке инсандын тагдырын диалектикалык бирдикте сүрөттөөсү боюнча, жанрдык жана образдык табияты боюнча «Жамийла» повести элүүнчү жылдардын аягындагы кыргыз прозасынын көркөмдүк өнүгүшүнө жаңы багыт ачты. Бул кыргыз эпосунун кайрадан жаралышы, ренессансы, башкача айтканда, кыргыз эпосунун жаңы доорунун башталышы эле», – деп жазды К.Асаналиев[21]. Ырас мында кыргыз элинин турмушунун диалектикасы бар, аны согуш жана социалисттик мамилелер алып келди. Жамийланын кетиши – бул улуттук кыртышта кылымдар бою калыптанып, коомдук турмушта айныгыс мыйзамдарын чыгарып, ошол аркылуу элди эл, улутту улут кылып келе жаткан патриархалдык кыргыз үйбүлөсүнүн эң соңку үлгү-эстелигинин кыйрашы болду. Ошол патриархалдык ячейканын соңку «атылбай калган текедей» аксакал өкүлү байбиче өзү да кыйроону мойнуна алат. Бир үйгө баш көз болуп эч жакка кетпес мыйзам менен жашоого тийиш болгон эски эрежеден аттап Сейит апасына минтип айтат:

« – Мен окууга кетем! Сүрөтчү болгум келет, сүрөтчүнүн окуусуна барам, атама да ушуну айтып кой…»

Эски эреже боюнча бала мындай кепти оозуна албаш керек эле, эне болсо аны тыйып коюуга тийиш, бирок антпей, башкача пикирин билдирет:

« – Мейлиң, барсаң өзүң бил… Темир канат болгон соң, ар кимиңер өзүңөрчө канат шилтеп калбадыңарбы…

Биз кайдан билели, балким силердики чындык чыгар, балким, алыска чабыттап учарсыңар… Азыркы заман эми ушундай болбодубу… Окууңа барсаң өзүң бил… Балким ошол жакка барганда, сүрөт тартып чиймелеген кесип эмес экенин билерсиң… Yйүңдү, ата-энеңди унутпа, бар сураганым ушул…

Ушул күндөн тартып кичи үй өзүнчө бөлүнүп кетти. Мен болсом көп кечикпей окууга жөнөдүм.»[22].

Патриархалдык үй-бүлө кыймылы акыры ушуга келди, көрсө, кыргыз үй-бүлө тарбиясында ашкере дале тыюу жок экен, эркиндик идеалы даңкталат экен. Тек гана аталар менен балдар, эски эрежелер менен жаңыларынын диалектикалык кыймылы болуп жатыптыр. Ал чыгарма жазылгандан бери да кыргыз салты, таалим-тарбиялоо эрежелери бир топ өзгөрүп кетти. Ч.Айтматов ошол «чыгармачылык бешенесин ачкан жаш кезинин шедеври, колго тийген асылзаты» (К.Асаналиев), «көкүрүк баласы, айдыңдуу талаада эч кимден тартынбай бардык үнүн созуп ырдаган жаштык ыры» (К.Бобулов) болгон «Жамийла» повести тууралуу, андагы Даниярын эстеп айтканы бар: «Повесттин адегендеги аты «Обон» болчу. Албетте, бул Жамийла менен Даниярдын жолдо арабада кетип бара жатып, ички сезимдерин ташкындатып, мурда эч даярдыгы жок жерден төгүп кеткен сүйүү ырынын обону эле.

Бүгүн радиосу, магнитофону бар машинага отуруп калганыбызда ушунубузду ошол Жамийлалардын мезгилине салыштырып коем. Адам жол жүрүп баратып, каалаган музыкасын уга алса кандай гана сонун! Бирок азыр эми шаарда машиналардын ары-бери ойкуп-кайкыган кыймылынан кээде угула калган музыканы тыңдасаң, алардан же рок, же поп, же жанагы эстрада дегендердин ыргагы эшитилет. Эгер менин сүйүктүү Даниярым азыркы учурда жашап калса рок-попко ууккан автомобиль ичинде сүйүшүп-күйүшкөндөргө ушунчалык ырайымы келип, боору оорумак.

Техникалык өнүгүүлөрдүн пайдасыз жактары да арбын. Даяр музыка, касета, дисктер адамдын ички кылдат сезимдеринен гана жан дүйнөгө келчү, керемет касиеттен гана жарала турган обондорду чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чектеп, дээрлик жок кылып жиберүүдө. Тиги даяр радиоң ырдап баратса, жолоочулар обон созмок беле?.. Мурда жол жүргөн адамдар өзүлөрү ырдашчу. Сагыныч, сүйүү, философиялык ырларды өз сезимдеринен, дил туюмдарынан жаратышчу. Мындайда канча жаңы обон, канча сезим козголгонун ким санап жүрмөк? А адам сезимдеринде ар кыл өзгөрүүлөр, жаңылануулар, руханий ырахат байырлайт…

Ар нерсенин өз убактысы, өз учуру болот. Данияр үчүн жол – ырдын булагы, ыйык, тунук махаббатын ташкындатып төгүп алуучу ыйык обондун булагы…»[23].

Ушул ойлорго караганда да «Обон» («Жамийла») элдик салттарга негизденген чыгарма деп айтканга болот. Улуттук салттар боюнча обон, ыр, манасчылык, дастанчылык, комузчулук адамдардын дилин тазалап, аларды аруулантып, ар кыл муундарга элдик эстетикалык тарбия берип келген. Ошондой нарктын, салттын, элдик эстетикалык табиттин бешигинде чоңойгон Данияр гана ушундай улуу ырды ырдап, ошондой наркта, салтта, элдик эстетикалык табитте чоңойгон Жамийла гана анын кудурет-күчүн сезип, аны дилинен кабыл алды. Эгерде Данияр обонун созолонтпой, магнитофондун, радионун гана кулак тундурган рок, поп, эстрадасын ырдаган жигит болсо анда ал согуш кезинин Жамийласын өзүнө багындыра алмак эмес, эгерде Данияр куду ошол август түнүндөгү обонун бир төкмөктөн миң төксө да ошол Жамийла болбой, бүгүнкү рокко, попко ууккан Жама болсо, анда ал Даниярды шылдың кылып каткырып күлмөк.

Анчалык байкала бербеген бир деталь бар. Ал Даниярдын адамдык бейнесиндеги улуттук салт-санаага берилгендиги, мисалы, ал канчалык жетим өсүп, алыс-жуукта ит көрбөгөн азапты көрүп келсе да туз-насип буйруп, өз элин издеп келет, «ушунча жыл сыртта жүрсө да өз тилин унутпаптыр» деген элдин алкоосун угат, а түгүл адамдар «тулпар айланып үйүрүн табат», «тууган-жер, эл-журт деген оңойбу», «келгениң арбакка жагар иш» деп эл анын жети атасына чейин сөөк сүрүштүрүп, анча-мынча туугандары да табылат. Демек, анын ары жагында, сөөгүндө кыргыз улутуна таандык тууган жерине тартылуу, мекенчилдик, жети атасын, тууган-уругун сыйлоо деген этникалык тарбиялык таалимдер бар. Ал ошол «алтын эрежелерди» аркалап, туу тутуп жүргөндүгү үчүн Күркүрөөгө келет. Ошол элдик нарктуулукту сактагандыгы үчүн ал эчен курдай психологиялык оор сыноолордон өтөт, анын уяңдыгы, тартуулугу, аялзатын сыйлоосу, бийик адамгерчилиги – элдик тарбиянын жемиши.

Кыргыз этнопедагогикасында эр жигиттин идеалын анын Атажурту менен бирдикте карайт: «Эр – тууган жеринде, ит – тойгон жеринде», « Эр энеден туулат, элге кызмат кылат», «Жеримде жээрде саткан бий элем, эми жети саткан кул болдум», «Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт», «Жеринен ооганга жети жылы конуш жок», «Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт», «Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт», «Баатыр туулса – эл ырысы, жамгыр жааса – жер ырысы», «Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат», «Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз» ж.б.

Анын тагдыр-жолу Жамийлага караганда алда канча бай, ушуга карап да анын Жамийлага караганда татыктуу жар болоруна ишенүүгө болот, ал чоң сүйүүнү ичине камтыйт, ошол касиети менен Жамийланы өзүнө каратат, ошол тарбия-таалими менен Жамийланы өзүнө тартат, келиндин ички дүйнөсүндөгү дүрбөлөңгө алып баруучу күчтү ойготот, теңине албай жүргөн келин бир күнү эле көйнөгүн жууп, ал көйнөктү «көпкө чейин алаканы менен акырын сылап отурат», «мына мен өзүм келдим» деген сөздү айтууга жетет, жүрөгүнөн: «Чын эле күмөн санадыңбы, кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын!.. Керек эмес, түштөн кийинки сүйүүсү – өзүнө буйрусун! Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин! Жалгызым, секетим, эч кимге сени ыраа көрбөйм!.. Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм… Мына эми сен да мени издеп келдиң!..»[24]. – деген сөздөр чыгат. Мунун баарын айтуучу күч берген ошол – Данияр. «Ошондуктан Жамийла өзүнө жеке касиеттери, жүрөк кылдарынын үндөштүгү боюнча жакын тууган Даниярды көргөндө ачылган гүлдөй жайнады, кудум таңкы шүүдүрүмдөй мөлтүрөп нурданды, кубулуп кайра жаралды, өзүнүн жаркын сапаттары, кадыр-баркы менен жаңы, чыныгы турмушка карай умтулду» (Т.Аскаров)[25].

Чыгарма дал ошол кыргыз кыйырынан чыккан элдик тарбиялык салттардын алкагындагы турмуш чындыгын жана адамдардын аракеттерин көрсөткөндүгү менен эстетикалык жактан болсун, поэтикалык жактан болсун, таалим берүүчүлүк жактан болсун 20-кылымдагы улуттук маданияттын бийик чокуларынын биринде турат.

[1] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-122-123-б.

[2] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б.: 1999. – 169-170-б.

[3] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б.: 1999. – 169-170-б.

[4]  Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында, 1-т., – Б.: 1999. – 64-б.

[5] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б.: 1999. – 170-171-б.

[6] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: – 2004. – 118-119-б.

[7] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 68-б.

[8] Исаков Б. Окутуп тарбиялоо. – Ф.: 1980. – 96-97-б.

[9] Бобулов К. Махабат баяны. // Советтик Кыргызстан. – 1959, 2-февраль.

[10] Бобулов К. Жаңы тилке. – Б.: 1991. – 76-б.

[11] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 69-70-б.

[12] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 96-б.

[13] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 99-б.

[14] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 103-б.

[15] Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф.: 1988. – 152-б.

[16] Гачев Г. Национальные образы мира: Центральная Азия: Казахстан, Киргизия. Космос Ислама (интеллектуальные путешествия). – М.: 2002. – 227-б.

[17] Гачев Г. Любовь. Человек. Эпоха. – М.: 1965

[18] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 117-б.

[19] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 115-б.

[20] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-117-118-б.

[21] Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф.: 1988. – 155-б.

[22] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 119-б.

[23] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-117-118-б.

[24] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 1-т., – Б.: 1999. – 111-б.

[25] Аскаров Т. Эстетикалык жаңы сапаттарга. – Ф.: 1980. – 358-б.

 

  1. «Саманчынын жолу» – кыргыз элинин үй-бүлөлүк тарбиялоо эрежелеринин энциклопедиясы

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында кыргыз үйбүлөсүнүн таалим-тарбиялык эрежелерин, ошол үй-бүлө мүчөлөрүнүн коомдогу жана үй-бүлө ичиндеги өз ара мамилелени көрсөтүү дээрлик бардык эле роман, повесть, аңгемелеринде ишке ашып келген болсо, ошолордун ичинде «Саманчынын жолу» повестинин өзүнчө орду бар. Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө жигиттерди ар дайым жоокер кылып, мекенди коргоого көнүктүрүп, үйрөтүп, атайын ошол милдетти аткаруу үчүн турмуштук жана психологиялык жактан даяр кылып келген. Эркек болуп төрөлдүңбү – биринчи жана башкы милдетиң – эл-жериңди сырты душмандардан коргоо, бул кыргыз баласынын канына сиңген инстинкт. Жаштардын жана балдардын кылымдар бою идеалы болуп келген Манас баатыр:

Өлбөй тирүү жүргөндө Не мураска жетейин, Кырк үйлүү кыргыз журт үчүн, Курман болуп кетейин,[1]  – деп өзүнүн каражанынын амандыгын эмес, кырк үйлүү кыргыз журтунун амандыгын ойлойт. Элдик эпикалык мурастардын көбүндө баатыр жигиттер жоого каршы аттанып, элин коргоп, жерин азат кылып, анан ошол айыгышкан согуштарда каза болот. Этностун тагдырында чечүүчү мааниге ээ болгон балдарды патриоттуулукка, мекенин сүйүүгө, ата журт коркунучта турганда кыйылбай жарак көтөрүүгө үгүттөө ар дайым руханий маданиятта, анын ичинде оозеки жана жазма адабиятта өз ордун татыктуу ээлеп келген. «Эр энеден туулат, жоодо өлөт», «Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи», «Эр төрөгөн эл өлбөйт», «Чептен эрдин күчү бек», «Эрдин даңкын эл билет, дыйкандын даңкын жер билет», «Эрдин күчүн эл сынайт», «Эр жараатсыз болбойт», «Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө», «Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Эр канаты – күлүк ат, журт тиреги – эр жигит», «Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат» ж.б. жүздөгөн макалдар кыргыз үй-бүлө чөйрөсүндө күндө кайра-кайра айтылган этнопедагогикалык акыл-насааттар, руханий казыналар болгон. Мына ушул жоо бетинде жүргөн жигиттер ыңгайлуу болсун үчүн гүлазык тамак даярдоону, ат үстүндө баратып жебе, мылтык атууну, кылычташууну, найза саюуну, жапайы жаныбарларды кууп жетип, чаап өтүүнү, кылтак коюуну үйрөнүшкөн. Улуттук оюндары, оюн ырлары да ушундай турмуштук муктаждыктардан чыгып, эркек бала эң алгач уккан бешик ырларынан баштап ошол наристелер келечекте эл-жерин жоодон сактай тургандыгын алардын кулагына кумдай куюшкан.

Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги бир үй-бүлөдөн атанын жана үч уулдун согушка кетиши, алардын мекен коргоо үчүн баш тартпай барышы, а түгүл бирөөсүнүн (Жайнак) өзү суранып жүрүп урушка аттанышы – кыргыз үй-бүлөсүндөгү ошол тарбиянын уландысы, советтик мезгилде да жашап жаткандыгынын белгиси. Башатында Субанкул менен Толгоной турган бир үй-бүлөнүн руханий күчтүүлүгү, патриоттуулугу бул советтик тарбиянын гана таасири эмес, аларга ошондой кудурет нарк берген башка бир булак – салттуу кыргыз үй-бүлөсүнүн насили, өтөлгөлүү өмүрүн кийинки учурга өткөрүп берип жаткан кыргыздык элдик педагогика. «Кат сабаты ачылбаса да, өзүнчө бир керемет сыйкыр акыл-эс ээси болгон чоң энем элдик ырларды, кошокторду жана жомокторду аябагандай көп билчү. Балалыгымдын таттуу күндөрү ошол чоң энемдин (сөз Айымкан чоң энеси тууралуу баратат – М.А.) мээрими менен өттү»[2], – деп айтып, жазуучу элдик таалим-тарбия тууралуу түшүнүктөрүнүн калыптанышынын бир булагын көрсөтсө, экинчи булагы катары башынан өзү өткөргөн согуш кезинин «ушунчалык бир жанды ачыткан жана үрөйдү учурган окуялары», балалыгы «үрөй учурган коркунучтардын, адам чыдагыс азаптын, кишини эзген кайгынын чок ортосунда» өткөндүгү болгон[3].

Демек, жазуучунун элдик таалим-тарбия салттарына кайрылуусунун дагы бир учуру анын эл турмушуна эрте аралашышы, өз көзү менен этникалык эрежелерди көрүп калышы менен да байланышат. «Күнүмдүк жашоонун ойку-кайкы кыймылында, оргу-баргы жүрүп, сөздөрдүн кандай маани камтып атканына анча деле барк албай калмайыбыз бар. Анан кандайдыр мезгил жылып өтүү менен көз караштарыбыз ошол эски убакта калган болот да, эмки мезгил менен кошо алардын кандай өзгөргөнүн, ушул өзгөрүү учурунда кандай тажрыйбаларга ээ болгонубузду байкабай да калабыз.

Бирок, ошол эле мезгилде өткөн бир учурларга таандык көптөгөн нерселер көз жаздымдан чыгып, унутулган да болот. А түгүл андай унутулган нерселер акыр барып тарых бүктөмдөрүнө да кирбей, жөн эле болуп да өтпөгөн нерсе сыңары кайыпка айланып да кетет. Балким, өткөн мезгилдеги кандайдыр бир жакшы элестерди өмүр бою сактап жүрүү, же түбөлүк аспиеттеп калуу үчүн да өзүнчө бир тынымсыз күрөш керектир?..

Мезгил менен акыл өлчөнөт эмеспи…

«Балалык жана жаштык доорумда кыргыз элдик оозеки адабиятына өлчөөсүз чоң карызмын. Ар кыл аймактын өзүнө гана таандык үрп-адаттарына ылайыкташкан оозеки адабияттын опсуз күйөрманы элем. Булардын баары өз кезегинде адамдарга ырахат тартуулап, жашоолоруна шаң кошкондур. Кийин мен элдик каада-салт, жөрөлгөлөрдөгү, ырлардагы философияны, ишенимдерди, үмүттөрдү, максаттарды, табият менен болгон тыгыз байланышты таба алдым. Алар кандайдыр бир чакырык, бир ишти тапшыруу жана адамзаттын түбөлүк өктөлүү өмүр парздары болуп саналат», – деп эскерет жазуучу өзүнүн чыгармачылык өнөрканасы тууралуу.

Мына ошол таба алгандарынын жана аларды кайра дүйнөлүк окурмандарга жеткире билгендердин арасында «Саманчынын жолу» повесттине жуурулушуп, ошол чыгармадагы адамдарды айжаркын инсандар, тарбиялуу адамдар жана тарбиячылар, тарбиялануучулар катары көрсөткөн көркөм образдар, каармандардын татаал байланыштары, чырмалышкан тагдырлары бар.

Каармандарды жамандык-жакшылыкта ар дайым коштоп турган табияттын бир көрүнүшү бул чыгармада – Саманчынын жолу жылдызы. Повесттин башкы каармандары дал ошол Саманчынын жолу жылдызы ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жатканда жакшы тилек тилешет, алардын тилеги – «эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастыруу», «дыйкандын энчиси – сепкен эгининде».

Жылдыздарга жакын жашаган кыргыздар ошол жылдыздарды сырдаш, муңдаш кылган, келечек тагдырын жылдыздар менен байланыштырган.

Байыртадан түрк элдеринин жана кыргыздардын түшүнүгүндө асмандагы жылдыздар менен жердеги адамдар түпкү насили бир болгон, жылдыздар – адамдар, алар жылдызга айланып кеткен пенде тукуму деген идея жашаган.

Алтай элинде «Yч аркар» деген жомок айтылат. Жомокто зооастрологиялык мифологиянын ачык издерин көрөбүз. Окуя мындай: алтайларда Кудайберген деген мерген карыя жашаган, ал үч ити менен үч аркарды кууп, алар жеткирбей, жетинчи айда жер чеги түгөнүп, асман башталат, аркарлар көккө ыргып чыгат, артынан иттер ыргыйт, алардын артынан аңчы ыргыйт. Мерген кууп барып жаа тартты эле, жебе үч аркардын денесин бирдей көзөп өтөт, бирок жараланган аркарлар жыгылбайт да, артка да кайтпайт. Баягыдай эле кооз жана тез чуркаш менен кете беришет. Мындайды карт мерген биринчи жолу көрүшү. Yнүнүн болушунча асман жара кыйкырды:

– Силер эмне, жер жандыктарысыңарбы же асман макулуктарысыңарбы?! Эгер куушуш керек болсо, анда кууштук, мен силерге жеткенче артыңардан калбай кууй берем!..

Ошентип алар куушуп калат: ушул качкандар жана аларды куугандар: үч аркар, үч ит, эки жебе – бири ак, экинчиси – кызыл кан болгону, алардын артында мергенчи Кудайберген карыя. «Ушинтип алар түнкү асманда дем алууну билбей бири качып, бири кууп түбөлүк кыймылда болууда. Алардын бул кыймылы өлбөс бир жылдыздар тобун Yч Аркар (Орион топ жылдыздары) тобун түзүп калды», – деп аяктайт жомок[4].

Эзелки убактын изи сиңген дагы бир алтай эл жомогу «Жети бир тууган» деп аталат. Ал боюнча жерде ушул жети бир туугандан башка адам жок, алар эң кенжесин үйлөнтмөк болуп кыз издеп асмандагы Yркөр-каандын кызы Алтын-солонго куда түшүп барат. Барса, аны асман ханы Теңири-каандын темир ат минип жүргөн тентек, балбан уулу Темир-мизе да алмак болуп жүргөн экен. Yркөр-каан келгендерге: «Менин үй-жайымды Жер жыты менен булгабагыла, кой терисинен жасалган ичигиңер менен сасытпагыла!» деп айдап чыгат. Бирок далай кыйынчылыктардан улам кыз менен жакшы болушуп, «ошол кезде ай жарыгынан согулган кийимин келиштире кийип, ай жүздүү Алтын-солон өзү басып чыга калбаспы» деп айтат. Yйлөнүүгө каршы чыгып, жылдыздар буларга согуш ачат, булар муз тоого жашынып аман калат. «Алтын-солон, жаркырак жылдыз, өзүнүн жаш жарынан жарым карыш да узак кетпеди. Алар көккө көтөрүлүп чыгышты да, жети бир тууган жана аларга берилген Алтын-солон катар-катары менен жайылып, жайнап турду. Yркөр-каан тигилерден өз кызын күч менен тартып кете албайт, артынан аскери менен басып кирип кармап алгысы келет. Бирок бир туугандар дайыма сак, сергек, ар убак жүзүн Yркөргө карап буруп турат. Ошентип алар асманда бири бирин аңдып, бири бирине каршылашып келет. Силер, балдар, кечинде түнкү асманда Yркөр жылдызын, жети бир тууганды жана Алтын казыкты көрөсүңөр, алар биздин жомоктогу Чоң Жетиген жылдыздар тобу», – деп айтылат жомокто[5].

Ушуга окшош сюжеттеги жана маанидеги жомоктор кыргыз эл жомокторунда, уламыштарында да ар кандай варианттарда кеңири учурайт. Мунун баары жөн жерден чыккан жок, анын этнопедагогикалык идеясы – адам менен жылдыздарды жакындатуу.

Дагы бир кыргыз аңызы (мифи) Алтын Казык жылдызы менен байланышат: «…Көк теңиринин Ак сары ат, Көк сары ат деген эки жакшы аты болуптур. Аны алтын казыкка аркандаттырып койгон экен. Ал аттарды Көк уурулары кармамак болуп, аркан таштаса, аркандары жетпей калыптыр. Аларга чалманы түшүрүп кармайбыз деп жүрүшөт экен. Ошого Ак сары ат, Көк сары ат Алтын казык айланып качып жүрөт экен. Жети каракчы Алтын казыкты айлана чалма көтөрүп жүрөт экен.

…Эгерде жылдыздарга мылтык мелжесе анда бардыгы ордунан жылат имиш. Бир гана Алтын казык козголбойт экен. Анткени, илгери Канжыга аттуу баатыр атын байлаш үчүн темир казык катары кагып койгон экен, ошондон бери Алтын казык аталып калыптыр…»[6], – деп айтып, андан ары М.Өмүрбай Yч аркар жылдызы Толтой мерген жана анын тайганы кууп Жерде жетпей асманга чыгып кеткен үч аркар, Жети каракчы (Жетиген) болсо Yркөрдүн кызы Yлпүлдөк сулууну ала качкан Жетиген деген каракчы тууралуу мифтер экендигин айтып, асман телолору менен өз турмушун байланыштырган кыргыз аңыздарынын мифтик таалимдерин этникалык түшүнүкбашат катары жогору баалайт.

Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз Асман телолоруна карап элдик календарын түзүп келгенин тарыхый маалыматтар тастыктайт. Байыркы кыргыздар тууралуу кытайлык адис Яң Руңли алардын жыл сүрүү ыкымы (календары) болгондугун айтып: «Кыргыз улуту түркү тил системасындагы улуттар ичинде эң алгач бир кыйла толук болгон күн, ай, мезгил, жыл жана мүчөлдүү жыл сүрүү ыкмасын колдонгон улут», – деп жазып келип: «… он эки ай жылдыздардын тогошуу, күндүн күйүшү, айдын күйүшү, жылдыздардын учушу сыяктуу астрономиялык кубулуштарга негиз бөлүнгөн жана он эки жылдыздын атын да атаган». Анан ал ошол айлардын катарын жана аталыштарын төмөнкүдөй берет: 1. козу. 2. ууз. 3.арандыз. 4. күчүк. 5. арстан. 6. сумбула. 7. тараза. 8. сазан. 9. жетинин айы. 10. улак. 11. көпөлөк. 12. бирдин айы.

Байыркы кыргыздардын көп салттарын азыркыга чейин сактап калган КЭРдин Фу йу оданындагы улутташтарыбыз ар жылдын 4-айынын 18-күнү Чолпон жылдызына, 10-айдын 25-күнү Жетиген жылдызына арнап түлөө бергендиги айтылат.

13-кылымда кыргыз жерин кыдырган араб жергезери, аалымы Хамаби биздин ата-бабаларыбыздын көктөгү зохал, зохра (сатурин, венера) планеталарын урматтаарын, Марсты жактырбашын жазган. Марсты сары жылдыз деп аташып, аны жамандыктыктын жышааны катары караганы эмнеден экендиги да өзүнчө кызык көрүнүштү жаратат.

Кыргызча жылдыз аттары: Алтын казык, Саманчынын жолу, Чолпон жылдыз, Yркөр, Чоңжетиген, Кичижетиген, Yчаркар, Тоотайдын оту, Коштолуу кош өгүз, Чычкылуу жылдыз, Сүмбүл жылдыз, Эшек кырган, Керген саба ж.б.

Көбүн кыргыздар Жерден көрүнүшүнө карата аташкандай. Мисалы, Алтын казык ордунан жылбайт, алтындай жаркырак, каккан казыктай жыл мезгилдерине, түндүн кайсыл учуру экенине карабай бирдей турат. Саманчынын жолу болсо кең асмандан бир адам саман көтөрүп кетип, анан ошол самандарынын топон-тозу чачылып калган сыяктуу майда көрүнгөн жылдыздар тобу, коштолуу кош өгүз, керген саба дегендер болсо ошол аттарына окшоп тургандыктан ушундай наам алгансыйт.

Советтик этнограф С.М.Абрамзон минтип жазат: «Кыргыздардан биз космогондук түшүнүктөрдүн башталмаларын да табабыз, албетте бул өткөн заманда койчулардын турмушунун образынан келип чыккан. Аларга Темир казык, Алтын казык (Полярная звезда), Yркөр (Плеяда), Чолпон (Венера), Жетиген (Большая медведница), Керген-Саба (4 жылдыздан турган топ жылдыз), Кош-Өгүз жылдыздары белгилүү болгон. Дастара-Кундуз жылдызы кырсык алып келүүчү жылдыз деп эсептелген, мындан тышкары Кербен жол, Куш жолу (Млечный путь) д.у.с. жылдыздарды билишкен»[7].

Буларга тарых изилдөөчү Б.Солтоноев дагы мындай аттарды кошот: Толтойдун огу, Кошоктолуу кош музоо, Саржылдыз, Балбылдак жылдыз, Көргөн саба[8]. Yсөйүн ажы Аркандаган ат (Темир казыкка уланган үч жылдыз), Мерген мылтыгы менен ити ( Тараза жылдыз жана анын аркасындагы үч жылдыз) деген жылдыздар тууралуу белгилейт[9].

Бул пикирге караганда кыргыздар эмприкалык астрономиялык билимге ээ болушкан да, ошол элдик билимдери кылымдар бою топтолгон тажрыйбалардан жыйналып, кайра ошол билим-тажрыйбалар эл турмушунда «эксперименттен» өткөрүлүп, күнүмдүк оокат-тиричиликте кеңири пайдаланылган. Жогорудагы изилдөөчүлөрдүн бирөө дагы кыргыздар кайсыл жылдызды кантип атаганын толук аягына чыкпаган, кыргыздар чынында мындан да көп жылдыздардын атын, кыймылын билген болуу керек. Кийин эле астрономия илим катары пайда болуп, телескоп чыгып, космос өздөштүрүлө баштаганда айрым окумуштуулар жаңы жылдыздарды таап жатпайбы, а балким ошолорду бийик тоонун башындагы, экологиялык таза дүйнөдөгү ата-бабаларыбыз мурда эле билип, аларга кандайдыр бир аттарды коюп жүргөнбү деп ойлойсуң.

Айрым маалыматтар боюнча (С.Абрамзон) кыргыз уруулары Алтайдан Алатоого көчүп келе жатканда Чыгыштагы Күнгөс дарыясына жана Жылдыз (Чоң Жылдыз, Кичине Жылдыз) өрөөнүнө келип, ал жерде бир топ жылдар (кылымдар) өргүү алып, анан Алай-Баргана тарапка көчкөнү айтылат. Ал эми кытайлык Yсөйүн ажы Кытайдын Токсун ооданында Чоң-Жылдыз, Кичи-Жылдыз деген жерлерде кыргыздар кечээ кийинге чейин эле жашап, анан башка элдер менен аралашып кеткенин жазат[10]. Бул жерде Жылдыз деген аттын да жалпы кыргыз урууларынын тарыхый тагдырында чоң ролу болгондугу ачык көрүнүп турат.

Чарбалык, аскердик иштерин жылдыздарга карап, жылдыздарды төлгөө кылып жүргүзгөн учурлар ар дайым эл турмушун коштоп келген. Жоо жүргөндө Темир казык жылдызын (аны Кошоктолуу кош музоо деп да атаган) белги кылып, жолун тапкан. Ай менен Yркөр же Саржылдыз тогошсо суук болуп, малды жут каптаган. 70 же 40 жылда бир жолу асмандан куйруктуу жылдыз көрүнүп, каатчылык жүрөт деп, ошого атайын даярданган. Yркөр үйдөн көрүнсө, үч ай – 90 күн кышың бар деп ага камдуу турган.

Ж.Мукамбаев памирлик кыргыздардын астрологиялык көз карашын изилдеп мындай элдик сынаакы түшүнүктөр биздин кылымга чейин айтылып келгенин белгилейт: Жылдыз түнкүсүн ак тегерек көрүнсө – аязга, каралжын тарта көрүнсө – жамгырга; жылдыздар бажырая көрүнсө – күн ачык, майдалана көрүнсө – жамгыр; жылдыз жайкысын жыбырап чыкса – эртеси ысык, кышкысын аяз, суйдаң чыкса – суук; жылдыз кышында каралжын көрүнсө – салкын, сейрек көрүнсө – бороон; жылдыз нуру кай тарапка багыт алса – шо тарапта жел, жетиген жылдыз каралжын тартса – ондо жамгырга; Сары жылдыз түштүктөн кут таманына карап акырындап жыла берип түшүп кетсе – жыл жакшы; эгин көп чыгып, пычан көп. Эгер кут тарапка жылып баратып бир жерге токтоп, кайра көтүгө (артына) тартып, түштүккө ооп, батып кетсе – жыл начар: эгин, пычан анча өспөйт; Yркөр өзүнү көтөргөндө – кара эгин өзүнү көтөрөт; Yркөр батканда тоо текелер эчкиге жүгүрөт…[11]

Ушундай элдик түшүнүктөрдөн улам жылдыздарга пир катары карап, айрым нерселерге тергөө (табу) мисал мамиле кылган. Айталык, түнкү асмандагы жылдызды санабаган, кыркка чейин санаса, бирөө өлөт дешкен. Ар бир жылдыз бирден адам, бир жылдыз учса бир өмүр үзүлдү деп эсептеген. Жылдыз учканын көргөн кыргыздар жолдо баратса токтой калып куран окуп, жүзүнө бата тарткан, же башын жерге салган учурлар ушу бүгүн да кадыресе учурап жүргөнү да байыркы салттын уландысы. Адамдардын, өзгөчө балдардын сапатын белгилөө үчүн да жылдызды салыштыруу катары колдонгон: «жылдыздуу», «жылдызы жанган», «жылдызы жарык», «жылдыздай жымыңдаган», «жылдызы түшкөн», «жылдызы келишпеген» ж.б.

Элдик ишеним жандуу жаратылыштын пирлерин ойлоп тапканда Yркөр-Ата деген пирди да ойлоп таап, эгин сээп жаткан дыйканга өтүп бараткандар «Yркөр-Ата тогошуп, алас болсун эгиниң» деген батасын ыроологон.

Мына ушулардын баары жөн жерден чыкпаган, адам менен жаратылыш бекем гармониясын түзүп, инсан өзүнүн табияттагы ордун билсин деген идеядан башат алган.

Дал ушундай этнопедагогикалык идея «Саманчынын жолу» повестиндеги башкы каармандардын рухий дүйнөсүнө сиңип кеткен. Жазуучу муну тек гана бир табият көрүнүшүн көрсөтүү, адабияттагы пейзаждын функциясын колдонуу үчүн жасап жаткан жок, бул элдин кылымдардан берки тарбия-таалим салттарынын согуш учурунда да сакталып, ошол салттар кыйын учурдун адамдарын ичтен криссталдай тазалап, алардын моралдыкэтикалык бийиктигин ачып берүү үчүн пайдаланылууда. Саманчынын жолунун асмандагы абалы – бул бүтүндөн адамдардын тагдыры, жаратылыштын абалы гана эмес, ал коомдун, мамлекеттин, жада калса жалпы адамзаттын тагдыры менен байланышат, согуштун жүрүшү да тоолук кыргыз балдары үчүн жылдыздардын көрүнүшү менен айкалышат.

Ушундай тарбияда өскөн Толгонайдын тилеги өтө жөнөкөй – күйөөсү Субанкулдун саман көтөргөн дыйкан гана болушу. Себеби дыйкан – жердин ээси, баарын баккан адам. Анын башкы сапаты – эмгекчилдиги, эл ичинен чыккандыгы, элге-журтка күйүмдүүлүгү. Ушундай адамдар гана жакшы адамдарды тарбиялап, ушундай адамдар гана нравалык жактан бийик болот. Ошон үчүн ушундай адамдардын үй-бүлөсүндө үч бирдей азамат – Касым, Майсалбек, Жайнак тарбияланды.

Субанкул менен Толгонайдын биринчи түнүндө «жылдыздар асман бербей жабыла көз жарышат», ырахатка баткан Толгонай «түн ортосунда тээ жылдыздуу төбөнү карайт», Субанкул менен Касымдан айрылганда Толгонай менен Алиман «күнүбүз өчтү, айыбыз өчтү» деп буркурашып ыйлашат, ууруларды кууп бараткан Толгонайдын үстүндө «ай чалкалап, жылдыздар котолошот», алардан ок жеп өлүм алдында жатканда «тунарган саманчынын жолу төбөдө чолок тартат», Толгонай согуштан келбей калган балдарды жылдызга салыштырып «чолпондорубуз» деп атайт, акыркы эгинин үрөнгө деп берген Айшанын жашы «боп-боз салаа жаштай болуп төгүлгөн асмандагы саманчынын жолуна» окшоштурулат, Алиман кеткендеги уйкусуз түндөрдө Толгонай үчүн «капталда төгүлгөн жылдыздар таң атканча балбылдап, анан бирин-серин тартып, эң акырында жаркыраган жалгыз чолпон калып, ал улам алыстап, алда-кайда кетип жоголот», Толгонай кийин-кийин Жанболотко кырманга барганда асманды карап жатса асманда «саманчынын жолу жаңыдан чубуруп түшкөндөй» болот да, «саманчынын жолун тиктеп уктап калат». Демек, каармандар табият менен адам бөлүнө элек кезде, жаратылыш да, ыйман да таза кезде жашашат. А түгүл каармандын аты да Айдын толгон кези менен Толгон + (плюс) Ай аталат. Ушунун өзүндө да экологиялык жана ыймандык тазалык катылып тургансыйт.

Ошол Толгон жана Айдын Жер жана Эне менен сүйлөшүүсү да тегин жерден чыккан жок. Кыргыз элдик педагогикасында баарын баккан да, баарын каткан да, баарын көтөргөн да Жер болуп саналат. Демек Адам да баардык сырын, бугун ошол Жерге айтса, Жер гана угат.

Нарктуу кыргыз үй-бүлөсүндө эң биринчи түшүмүн балдары ата-энеге ооз тийгизген салт буларда да сакталат, Касым апасынын алдына нан сындырып: «Ысык эле бойдон экен. Ал, апа, жаңы буудайдын нанынан биринчи ооз тийгин» дейт[12]. Бул – ата-энени урматтоо, аларга өз эмгекмээнетинин натыйжасын көрсөтүү, ошол эле кезде атаэненин батасын алуу. Өз кезегинде Толгонай да алгачкы түшүмдүн алгачкы нанын оозуна салып, же катып алып кетпейт: «Быссымылда» деп ооз тийип, анан балдардын жегенине жол ачат, бул тарбия-таалимдик салт улууну сыйлоого, барга канаат кылууга, нанды, дыйкандын эмгегин ыйык тутууга үйрөткөн.

Yй-бүлөдө жамаатташып иштөө, биргеликте үй куруу өзгөчө маанидеги окуя болуп саналат. Мына андай учур: «Жаңы көчө дегенибиз айылга кире бериш жол боюнда эле го. Көчө деле жок болчу анда, там салуучу жаштарга деп, ошол жылы көктөмдө жаңыдан эле жер берилген. Касым менен Алиман да жаңы көчөнүн баш жагынан чарбак алышпады беле. Кирпичтерин жаздап-жайлап үчөөлөп куюп камдап, аларды кургатып жаткан болучу, жер пайы орнотор жайын да казып коюшкан, өткөн аптада, эки күн сайдан таш терип, тамдын ордуна ташып келишкен эле. Биз ошону көрмөккө кайрылып калдык, анткени мындан нары орок маалында оңой менен күндүзү кол бошобойт эмеспи. Yйүлүп жаткан чоң дөбө таштарды көрүп, Субанкул балдардын иштегенине ыраазы болду: «Кош де, апасы, таш мол жетет экен, сарайлык таш артып да калар, – деди ал, – жыйын-теримди бүтүргөндөн кийин, жабыла дубалын тургузуп, үстүн жаап коебуз да, калганын келерки жазда бүтүрөрбүз. Туура эмеспи, Токон?» – «Туура, үстүн жапсак, калганы бүтөр, аманчылык болсо. Биздин Жайнак эле шашып, өпкөсү көөп алыптыр. Бул көчө Комсомол көчөсү деп аталсын деген токтом чыгардык деп жүрөт. Анда Алиман жеңеси аны шылдыңдап күлөт: «Ой, кичине бала, туулалек балага ат койгонсубай, жайдак эле жерге көчөнүн атын издеп убара болгончо, элден мурун аял алсаңчы да, там-жай салып, көчө тургузсаңчы, көчөнүн аты эптеп табылар эле го. Антсе берки да болбойт, жок, сен туура түшүнбөй жатасың деп талаша кетет»[13].

Мындагы кыргыз педагогикалык салтындагы бир нече жагдайларды санап өтөлү: үй-бүлө кургандан кийин там салуу; көктөмдө жер берүү; көчөнүн баш жагынан чарбак алуу; үчөөлөп иштөө; ага-жеңеге ининин алгоолошуп, жардам берүүсү; атанын балдарынын иштегенин көрүп ыраазы болуусу; сарайга да таш артат экен деп келечекти болжоосу; жыйым-теримден кийин жабыла иштөө тилеги; аялы менен күйөөсүнүн кеңишип турушу; аманчылык тилөөсү; ушунча жумуш бүткөнгө топук, каниет кылуусу; көчөгө жакшы ысым ыроолоо ж.б. Ушундай үй-бүлө Кыргызстандын бир жеринде үмүт менен өз оокатын өткөрүп жаткан, ушундай таалим-тарбиялуу үй-бүлө болгон да, дал ошол кезде жазуучу укмуштуудай контрасттуу ыкма, күтүлбөгөндөй чебер табылга менен, адамдын оюна келбес ыкма менен «Биз ушинтип сүйлөшүп турган түн, көрсө, дүйнөнүн эң каргашалуу түнү экен…» деп жыландын башын чыгарат. Ошол каргаша бир жакта, ошол каргашага туш келчү ырыстуу үй-бүлө бир жакта турат. Ким кимди жеңет? Тарбиялуу үй-бүлө каргашаныбы, каргаша тарбиялуу үй-бүлөнүбү? Жазуучу дал ошол согуш каргашасын көтөрө алуу үчүн, ошого туруштук берүү үчүн ушундай традициялуу кыргыз үй-бүлөсүн тандап алган сыяктанат. Эгерде согушта өлгөн бир үйдүн төрт эркегин мынчалык келишкен, мынчалык таалимдүү, ыймандуу, ырыскылуу, жылдыздуу кылып көрсөтпөгөндө анда повесттин салмагы камгактай да болбой калмак, чыгарманын рухий, эстетикалык, тарбиялык күчү жанагы үй-бүлөнүн идеалдуу ячейка, ашык-кеми жок жакшы жасалган келишимдүү коллектив экендигинде.

Кыргыз турмушунда баласын, күйөөсүн жоого узатуу, эл коргоого узатуу ар дайым болуп келген. Мындагы ата менен баланын узатуу моментиндеги эң акыркы точка көз менен сүйлөшүү, унчукпай баарын түшүндүрүү. Кыргыз эркектери эч убакта ортого бөтөлкө коюп алып, же артынан боздоп ыйлап коштошкон эмес, алар бири-бирин үнсүз-сөзсүз гана түшүнүшкөн. Ата Субанкул менен бала Касым да ошол элдик адат-салттан башка нукка бурулган жок. Касым аскерге кетип жатканда мындай коштошуу эпизоду бар: «Касым, бери карачы! Алар бир аз бирин-бири унчукпай тигилип карап турушту да, «Түшүндүңбү?» – деди Субанкул. «Түшүндүм, ата!» – деди Касым. «Эмесе жөнө!» Субанкул атына минип, кырманды көздөй чаап кетти»[14]. Кыргыз ата менен кыргыз баланын этникалык гениндеги унчукпай коштошуу ырасымы булар тарабынан да аткарылды. Мындайда ата баланы эч убакта, бала атаны эч убакта бири-бирин бошотуп, бири-бирин алсыратып узак мөөнөт карашпайт, элдик таалим-тарбия ага жол бербейт. Коштошуу жөрөлгөсү – бир гана сөз. Ата-бала мамилеси, ата-бала ынтымагы – бири-бирин унчукпай түшүнүшүүдө, айттырбай билишүүдө. Субанкулдун унчукпай коштошуп, атына минип, кырманды көздөй чаап кетиши, жөн бастырбай чаап кетиши бул анын ички ызасы, ички трагедиясы, ошол эле кезде кырманга баруу бул – биринчиси, жакшылыкка баруунун символу; экинчиси, балдардын да ордун басып, аларды жоктотпоо үчүн жумуш ордун ээлөөсү.

Ошол эле коштошуу эпизодунда келин менен кайын ата жана кайын эненин ортосундагы этикалык барьер эң сонун сакталгандыгы таасын чагылдырылган. Касым менен Алиман жаңы эле үй-бүлө куруп, ойноп оюнга кана элек кезде, согуш чыгып, эми минтип күйөөсү алаамат жайга кетип жатса, келин кайын ата-кайын энесинин көзүнчө эмне кылыш керек эле? Башка европалык элдерде түшүнүктүү: чогуу үстөл, тосттор сүйлөө, ырдап-бийлөө, өбүшүү ж.б. Ал эми Алиман канчалык ачык айрым болсо да тартынчыктап туруп калат. Ошондо кайын атасы келинине: «Эмесе балам, тигиндей жол боюна жеткирип кел», – деп айтып, өзү келинине жол берет. Yлгүлүү үйбүлөдө кайын ата келинине карата анын ысымын айтып, же тергеп, же «келиним» деп кайрылбайт, «кызым» дейт, «балам» дейт, бул аларды генетикалык жактан жакын болбосо да бирин бири кадырлоого, ызаатоого үйрөтөт. Бул үй-бүлө ынтымагын ыдыратпай кармап туруучу рычаг кайын атага тигил келин тукумун улап кетер уулдарды таап берерин түшүнүү катары да кабылданат.

Ошол эле коштошуу эпизодунда апасы менен кайырлашып жатып Касым Майсалбектен кат келсе, адресин салып жиберүүнү суранат. Мындай сураныч менен бир туугандардын бири-бири менен жакындыгын, алардын мамилесинин ушунчалык бир таза, ырыскылуу экендигин көрсөтөт. Ушундай ыймандуу, ушундай идеалдуу үй-бүлөнүн бир мүчөсү келбес сапарга кетип жаткандыгы айтматовдук эстетика аркылуу окурмандын жүрөгүнө бир ийнесин сайып өтпөдүбү…

Кыргыз улутунда эне менен бала ортосунда байыртадан келе жаткан бир таң каларлык мамиле бар. Эне баласын канчалык жакшы көрсө да, аны көз тийбесин, башкалардын сугу артылбасын деп ачкөз-суккөздөрдөн далдоо кармайт, мисалы, баланы аластап турат, бетине көө сыйпап коет, көз мончок, табылгынын түйүлгөн жерин тагып коет. Ошондой эле сөздөрүндө да ушинтип караган учурлар «Саманчынын жолунда» Толгонай эненин оозунан да далай жолу чыгат. Жайнакты «тентимишим» дейт, бул деген жаман сөз, «селсаяк», «бомж» деген эле мааниде, бүт балдарына карата ачуу үстүндө «туулбай эле койсоңор болмок, о, бооруңарды жегирлер» дейт. Мындай сөздөрдө байыркы учурдан уланып келе жаткан баланы сактоо үчүн анимисттик, тотемдик жана жалпы эле мифологиялык доорлордун изи сакталган, узактан бери апробациядан өткөн салттуу тарбиялык ыкмалар көрүнүп турат. Жакшы көргөн баланы жаман нерселерге салыштырып («күчүгүм», «мышыгым», «маймылым», «сасыгым», «капкарам», «сапсарым», «аюум») эркелетүү, же Итбай, Итибай, Бокбасар, Тезек, Тезекбай ж.б. жагымсыз аттарды коюу элдик тарбиялык ишенимдер менен байланышкан көрүнүштөрдөн. Бул жерде Толгонай да ошондой элдик тыйымды (табу) колдонуп жатат, ал балдарын жаман көрүүдөн эмес, сук көздөрдөн коргоодон улам, жакшы көрүүдөн келип чыгууда.

Касым тууралуу Толгонай менен Алиман андан кабар болбой жатканда эч качан, а түгүл өлгөнүн билген кезде да өлүм тууралуу сүйлөшпөйт, көздөрү чагылыша түшкөндө бири-биринен ошол тиктешип жаткан көздөрдү тартып алып, кайдагы бир болбогон тиричиликти кеп кылып кетишет.

Майсалбек жолдон өтөрүн билгенде аны тосуп алуу үчүн апасы менен жеңеси боорсок, жупка, эт бышырып барат, жолдоштору менен даам сызып кетсин деген жакшы ойдо болот. Жеңеси Алиман Майсалбекти «мугалим бала» деп тергейт, Касымдан кат келгенин угузган энесине «оозуңа май» деген традициялуу алкоо сөзүн айтат. Эне катары Толгонай балдарынын эл коргоо ишине кеткенине ар дайым сыймыктанат, бир жолу да аларды аскерден алып калуу тууралуу ой жүгүртпөйт. Ошондой тарбияда чоңойгон Жайнак өзү суранып аскерге кетер алдында короонун ичин шыпырып, оголе көп отун жарып, уйкананы тазалап, тамдын төбөсүндөгү чөптү кайра жайып, атасы ат байлачу акырдын ураган жерлерин оңдоп, илгерки жоокерлер жоого аттанарда аткарып кетчү жумуштардын баарын аткарышы – анын таалим алган жигит экендигин, гуманисттик сапатынын бийиктигин демонстрациялайт жана кыргыз салтын жакшы билгендигин айгинелейт. Бул ага ата-энесинен жуккан сапаттар. Энеси аны «Жайнагым, кенжем, тамашакөйүм, шайырым, ырчым, солкулдаган боз балам» деп эркелетишинин өзү эле эне менен баланын ысык мамилесинин, боор этинен бүткөн бала менен эненин бирин-бири кыя албастыгынын бир көрүнүшү. Ичи элжиреген эне гана ушундай баланы тарбиялайт эмеспи.

Ошол энеден гана өзү үшүп турса да, бейтааныш бир кичинекей балага үстүндөгү тонун чечип берген жайнактар төрөлүп, тарбияланат эмеспи.

Адатта, бир үй-бүлөдөн да бир сасыткы чыгат, балдардын да бирөөсү анча жакшы болбой калат деген сөз эл арасында айтылып калат, бирок бул сөз «Саманчынын жолундагы» үй-бүлөгө туура келбейт, алар бардыгы биринен бири өтүп татыктуу тарбияланышкандар, кыргыз үй-бүлөсү үчүн өрнөк боло алуучулар. Баласы бейтааныш бирөөгө тонун чечип бергенде башка бир эне өзү уулуна боор оорушу, а түгүл уулун жемелеши мүмкүн эле, а Толгонай Жайнактын, Касымдын, Майсалбектин гана энеси сыяктуу эмес, жалпы адамзаттын энеси сыяктуу кайра: «…бир кишиге тон чечип берүү менен элдин кемтиги толуп, бүтөлүп дале кетпейт. Бирок жанагыдай эле – бирге он кошулуп, онго – жүз, миң кошулуп, элчилик, адамгерчилик, боордоштук деген ошондон келип чыгат го деп ишенем. Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт. Жайнактын берип кеткен тону жыртылар, жок болор, жерге кирсин, сөзгө арзыбас эле нерсе, бирок кеп анда эмес, ошол кичинекей баланын жүрөгүндө бирөөнүн кылган жакшылыгы жүлүндөй сакталып калса, адам болгон соң башкага жакшылык кылуу милдет экенин жаштайынан сезип калса, Жайнагымдын сооп кылгандыгы ошол»[15], – деп атпайбы. Муну айткан аял байыркы грек философиясын, Кайра жаралуу доорундагы гуманисттик окууларды, жалпы адамзаттын педагогикасын окуган эмес, а түгүл өзү менен замандаш А.С.Макаренко, Н.К.Крупская, В.Сухомлинский дегендерди да билбейт, кала берсе советтик мектепте билим-тарбия алганы тууралуу да айтылбайт, балким кат сабаты дале жоктур, ислам дининин шарияты жөнүндө дале кеп-сөзү жок, бирок анда жалпы адамзатты тамшандырар бийик гуманисттик касиет-сапаттар бар, анын жүрөгү жалпы инсанияттын энелери ээрчип жүрөр ыйык жүрөк.

Элдик педагогиканын салттарында чоңойгон Толгонай бир жолу кырманда жүргөндө анын күйөөсүнүн жана уулунун каза болгондугун угузуу үчүн айылдын аксакалы келет. Кадырман карыяны көргөндө башкарма эне оюнда эч нерсе жок: «Келип калыпсыз, аксакал, иш илгериге батаңызды бериңиз», – дейт. Өзү алапайын таппай турса да, жамандык менен келген киши: «Дыйкан бабам кыдыр чалып, кырман агыл-төгүл болсун, убайын эл көрсүн», – деп батасын берет[16]. Толгонайдын бата сурашы, шашып атканына, жамандыкты угузуу сыяктуу эң оор милдетке келгенине карабай аярлай туруп аксакалдын бата бериши кыргыз салтынын эң эле орчундуу учурларынын бири. Мында да Толгонай элдик наркты туу туткан аял катары, жакшылыктан үмүт үзбөгөн оптимист катары өзүн көрсөтөт.

Ушул жерде кыргыздардын жамандыкты угузуу салтын жазуучу бир топ таамай жана таасирдүү берет. Угузууга келген карыя Толгонайга алыстан сөз баштайт, ушундай оор күндөрдө эл-журтка баш-көз болуп жүргөндүгү үчүн ырахмат айтат, тизгиниңди бошотпо дейт, сага да кыйын дейт, анан кеп арасында «адамдын башына эмнелер келбейт, эмнелер кетпейт, деген менен кимде кимибиз болбосун, мындай жаманчылыкта бирибирибизге өйдөдө жөлөк, төмөндө медербиз, элбиз да. Эл менен көтөргөн жүк жерде калбас» деп коет[17]. Элдик педагогикалык салт боюнча эң бир аксакал, кадырлуу кишинин – адегенде жалгыз келип жамандыкты угуучу кишини психологиялык жактан даярдоо процесси ушундайча ишке ашат. Жазуучу карыя аркылуу подтекстте жашырган нерселерди байкап көрүңүз: «Адамдын башына келчү нерселер мына эми сенин башыңа да келди, Толгонай», «жаманчылыктын алдында турасың, Толгонай», «эл башына түшкөн оор күн сенин да башыңа түштү, Толгонай», «азыр сага күйөөңдүн, уулуңдун өлгөнүн айтабыз, ошондон кийин да сен тизгиниңди бошотпо, Толгонай». Бул сөздөрдү тигил келген киши оозу менен үн чыгарып айтпайт, бирок анын дили шыбырайт, көзү «айтат». Ушундай-ушундай кырдаалдар улам тереңдеп отуруп бийик чокудагы сөз – эл менен болуу, эл менен көтөргөн жүктүн жерде калбастыгы тууралуу кепке келет. Элдик педагогиканын эң негизги принциби – элдүүлүгү болгон сыяктуу, элдик акылмандуулук биринчи орунга элди, көпчүлүктү, жамаатты коюп келген. Чыгармада да Толгонай ошого барды: балдарынан элди өйдө койду, балдары эл ишине жарагандыгын түшүндү, аны ошол элдик педагогика өзү түшүндүрдү.

20-кылымдын 2-жарымында Батыш өлкөлөрүнүн педагогика, психология, философия, социология, деги эле бүтүндөй гуманитардык илимдери балдарды тарбиялоодо эң биринчи кезекте анын «Менин» («Я») пайда кылып, өстүрүп-өнүктүрүү керек, бала инсан катары өзүн башкалардан айырмалап, лидерлик сапаттарга ээ болсун деген талаптарды коюп, ошондой тарбиялоого арналган миңдеген китептер жазылды. Чыгышта болсо, өзгөчө корей, инди, кытай, жапон педагогикасында бала жамаат ичинен лидер болуп алкынып чыкпасын, жамаат ичинде болсун деген тарбиялоонун философиялык концепциясы иштелип чыкты. Традициялуу кыргыз этнопедагогикасы да «эл менен сен бийиксиң, элсиз жерде кийиксиң» деп үйрөтүп келди. Жогорудагы эпизоддо баласынан ажыраганын азыр эми угуучу Толгонайды жалгыз «Мени» менен таштабай, эл ичине, жамаатка алып келүүдө. Коллективизм идеясы повестте Толгонайды моралдык жактан сактап кала турган чоң руханий күч гана эмес, ал карыя – Толгонай – Толгонайдын балдары – Алиман – Жанболот ж.б. аркылуу кийинки муундарга өтө турган таалим-тарбиялык чоң байлык катары көрүнүүдө.

Ошентип Толгонайды жамандыкты угузууга анчамынча даярдап алышты. Окуянын андан аркы өнүгүшүнүн этникалык жөрөлгөлөргө байланыштуу жагдайлары мындайча улантылды: «Айылга кире берип, көчөнү аралап келе жатканыбызда, биздин үйдүн жанында далдалангансып жоон топ элдин турганын көрүп, анда да шектенбептирмин. Карыя мени жалт карап алып чочугандай: «Аттан түш, Толгонай», – деди. Мен таң калып карап калсам керек, тиги киши атынан түшө калып, мени колтуктап жөлөдү: «Түш, Толгонай, түшүшүң керек!» – деп кайталады. Сөзгө да келалбай бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, аттан түштүм.

Ошентсем нары жактан Алиманды ээрчитип, үч-төрт аял келе жаткан экен. Алиман ошол күнү алышта арык чаап жүргөн. Анын көтөрүп келе жаткан кетменин бир аял ийнинен ала салды. Ошондо эле билдим. «Бул эмнеңер, кокуй күн!» – деп көчөнү жаңырта бакырдым. Аңгыча болбой, Айша кошунамдын короосунан аялдар чыга калып, мени колдон бекем кармашты: «Кайрат кыл, Толгонай, Субанкул менен Касымдан айрылдык!» – дегенде, «Эне, энекебай!» – деп, Алимандын чыңырган дабышы чыгып, турган элдин баары: «Боорумой! Боорумой!» – деп өкүрүп кое беришти»[18].

Жаман кабар адегенде айылдан бирөөгө келет, анан ал уруу аксакалына, же тигил уга турган кишинин туугандарына айтылат, ал ортодо тигилердин үй-жай, сөөк көмүү ырымдары жасала берет, үйүнө жакын кошуналарыныкына эл топтолот. Ошондон кийин гана угуза турган киши тандалат. Мунун баарын Айтматов өз көзү менен көрүп, мындай элдик салттарды өз башынан өткөргөн: «Суук кабар жазылган каргашалуу кара кагазды тапшыруу ишин да мага Кабылбек аке буйруган. Бул документтин аты чын эле «Кара кагаз» болчу, – деп айтып берет ал кийин ошол балалык жылдары тууралуу, – аптасына кара кагаздан биздин айылга жок дегенде эле экөө келчү. Ошол мезгилде аптасына шаардан эки жолу почта алчубуз. Фронттон каттар келчү. Адамдарга кат бергенимде алар аябай сүйүнүшчү. Ал эми өлүм кабары келгенде…

Согушта далайлар курман болду. Көбү согушта дайынсыз жоголду…

Кабылбек башкарма кара кагаздарды чоң документ деп ойлочу да, андыктан, муну кат тааныган бирөө – расмий өкүл барып атайын тапшырып, элге окуп бериши керек дечү. Ошон үчүн болуу керек, бул милдетти мага ишенип жүктөгөн[19].

Ушундай элдик педагогикалык салттарды реалдуу көрсөтүү жагынан да «Саманчынын жолу» улуттук менталитетти жана кыргыздык колоритти согуш учурунан алып элестүү картина катары тартып бергендиги менен да баалуу чыгарма болуп саналат.

Жаман кабар алдынан Толгонайды аттан сөзсүз түшүүсүн талап кылуу, Алимандын ийнинен кетменин алуу – бул салт, ошол эле кезде алардын келечеги үчүн кам көрүү, болбосо суук кабарды уккан Толгонай жүрөгү кармап, же өзүн таштап ийип, аттан жыгылып түшүп, өзүн майып кылышы мүмкүн, Алиман болсо кетменин оңду-солду чапкылап, же өзүн же бирөөнү майып кылып коюшу ыктымал, андыктан да салт боюнча адамды бош коюш, үйүн даярдап, үйүнө алып келип, анан гана жамандыкты угузган. Айрым учурда салт боюнча көч жүрүшүндө, согуш болуп жатканда, же өзү катуу ооруп атса, той берип жаткан болсо, кош кат кезинде мындай жамандык кабарларды угузбай, анын учурун күткөн.

Кийин Майсалбектин каты келгенде да почточу Темирчал кирип, «арба, Толгонай» деп анчалык сөзгө да келбей, шашылып, сумсая, «кургурдуку суук тийип калыптыр» деп күрсүлдөп жөтөлүп, сүйлөнүп, оо бир топто анан катты берет. Ушул убакты күтүп тургандай жарадар бутун сүйрөп Бектурсун келет. Булар да Толгонайды угузууга даярдоо үчүн атайын жасалган элдик сценарийди ошол элдин өкүлдөрүнүн аткарып жатышы деп түшүнөбүз. Бектурсун эч нерсе билбегендей: «Кат келген турбайбы, Майсалбектен го», – деп, өтө сабыр күтүп, кол кармашты. «Колуң эмне калтырайт? Бери отуруп, окуп бере салчы» – дедим. Ошентсем кийиздин четине отуруп жатып, кокуй бутум деп онтоп иреңи кубарып, тердеп кетти өзү. Катты колу калтырап араң ачты да, окуй баштады»[20].

Мына ушундай жагдайлар элдин жазылбаган этикалык эрежелери. Бул жерде азыр эми бул дүйнөдөн өтүп кеткен Майсалбек жөнүндө сөз жок, мага боор оорусун, мен дале кыйналып жатам деп фронттун майыбы Бектурсун кепти өзүнө алып келет, ошол кезде буту ооруп атса да, оорубай жатса да кыйналган киши болуп, мындан көрө тиги жакта эле өлүп калсам болмок дегенге келтирип, согушта өлүп аткан Майсалбекти энесине угузууну жеңилдетүү үчүн ушинтип жатат. Толгонай дал ушундай калк педагогикасынын эпицентринде тарбияланды, жашады жана башкаларды да ошондой жашоого үйрөттү. Ошол тарбияны көргөн баласы Майсалбектин согуштан жазган акыркы каты накта классикалык кат, анда патриоттуулук да, энени аео да, келечек тууралуу оптимисттик маанай да, согушка болгон жек көрүү да, гуманисттик рух да, элден, ата-энеден, коомдон алган тарбиянын таасири да – баары-баары бар. Мындай катты кыргыз айлында, Субанкул менен Толгонайдай ата-эненин, Касым менен Жайнактай бир туугандын, Алимандай жеңинин үй-бүлөсүндө тарбия алган, ошолорду өрнөк туткан бала гана жаза алат. Башкача болушу мүмкүн эмес эле, Майсалбек дал ошондой жолго барышы керек болчу, анткени ал үй-бүлөдөгүлөрдүн ичинен эң билимдүүсү, өзүн эң эле асыл ишке, гумандуу кесипке – мугалимдикке тарбиялап жүргөн. Ал бир гана кат менен, бир бет кагазга баткан соңку сөзү менен бүтүндөй бир өмүр мугалим болуп жүрүп окутуучу сабагын да, өмүр өрнөгүн да кийинкилерге калтырып кетти. Анын тарбиясы ошондой болчу, элдик тарбия алган жигит ошол тарбиячылык милдетин жалгыз каты аркылуу ишке ашыра алды.

Улуу Ата Мекендик согуш бүтүп, СССР деген өлкөнүн, алар гана эмес бул өлкөнүн союздаштарынын аскерлери жер-жерине кайтканда миллиондогон айылдар, шаарлар аларды түрдүүчө тоскондур, ал эми айтматовдук каармандар жашаган элеттин бир айылы накта кыргыз салты менен жалпылап (1), айылга кире бериштен (2), түш көргөнүн, аян көргөнүн сүйлөп (3), жолдон таштарды жыйнай салып төлгө тартып (4), ошол түш, аян, төлгөөнүн баарын жакшылыкка жоруп (5), чоң жолдон көздөрүн айрыбай

(6) тосуп алат. Мындай тосуп алуу, тосуп алууга накта улуттук эреже-нормалар менен комплекстүү мамиле кылуу кыргыздар үчүн гана мүнөздүү болсо керек. Түшүн, аянын, төлгөөсүн жакшылыкка жоруу – накта улуттук белги, балдарды да, айылды да ушундай тарбиялоого үйрөтөт. Ырас, болор иш болду, өлгөнү өлдү, эми кандай тоссо да баары бир эмеспи дегенде анда нарк бузулат, андай элден ырыс кетет деп түшүнүшкөн, алардын тарбиялык таалиминде ушундай гана нормалар жазылган. Көрсө мунун баары тарбия экен, Толгонай айтып атпайбы: «дүйнөдөгү адам баласынын баары ушундай бир тилекте, бир ниетте, бирине бири жакшылык жооруп, өз уул-балдарын ушунчалык сүйүшсө, ушунчалык күтүшсө, балким, согуш болбос беле дейм», – деп[21], анын айтканындай болсо, бүт дүйнө ушул чүкөдөй кыргыз кемпирдин айылындагыдай тарбия алган болсо, анда согуш деген жер жүзүнөн биротоло унутулат эле. Жанагы аскерден келе жаткандарды (көрсө бир эле киши экен) тосуп алууга комплекстүү чыгуу, өз ырымдарын аткарып чыгуу – балдарды тарбиялоо, аларды үйрөтүү үчүн жасалып аткан педагогикалык амалдардын бири экен.

Кыргыз элдик педагогикасында ар дайым көпчүлүктөн бөлүнгөн адамдарды ошол көпчүлүк өзү тарбиялаган. Анын жолдору: каргыш; элден чыгаруу; айылдан көчүрүп ийүү; жакшылык-жамандыкка чакырбай коюу; үйүнө кирбөө ж.б. «Саманчынын жолунда» да ушундай каргышка татыктуу каарман бар. Ал – согуш бозгуну Жекшенкул. Канчалык адептүү, канчалык жаман сөзү жок болсо да Толгонай ошол качкындын үрөнгө деген эгинди уурдаган кылыгын өз көзү менен көргөндө: «Ылайым, кан төккөн элдин кусуру урсун сени, Жекшенкул! Yшүнтүп жүрүп жаныңды баккандан көрө адам болуп дүйнөгө жаралбай эле койбойсуңбу! Субанкулум, Касымым ичкен сууну сен да булгап ичип жүргөн экенсиң да… Тү, Сенин бетиңе!..»[22], – деп каргышын айтат. Кыргыздардын тарбиялык салтында жазанын эң оору – каргыш, «элдин кусуру урсун» деген ал – адамды каргыш менен элден, журттан чыгара турган нерсе. Адамдар каргышты байыртадан бери тарбиялоочу, жазалоочу чоң курал, этнопедагогикалык каражат катары пайдаланып келген. Кийин Жекшенкул кармалып, иши советтик атайын кызматкерлердин сурагына алынып жатканда да Толгонай ага «мынча жыл берилсин», «атылсын», «асылсын» дебейт, элдик эреже-жырым менен гана «Факт деп заңга таянып, кутулсаң кутулуп кетерсиң. Бирок билип койгун, эл-журттун азап-тозогунан безип, анын өлүм-житимин ийин тирешип көтөрбөгөнүң үчүн, адам сынынан чыгып, өмүрү жек көрүмчү болуп өтөрсүң. Сага факты да, жаза да ушул» дейт. Айткандай эле мамлекет Жекшенкулду абакка кессе, эл андан да чоң жазаны үй-бүлөсүнө берет – аялын түндөп айылдан көчүрүп ийишет. Булардын айыбы – элден чыккандыгы, элдик мүлккө кол салгандыгы. Ошол айыбы үчүн элдик сот эң оор жазаны – элден чыгарууну колдонду. Ушундай педагогикалык методика, элдик кодекс да жаштарды эл менен бирге болууга, элден чыкпоого үйрөткөн, элдин ынтымагын ушундай түбөлүктүү эрежелер ыдыратпай кармап турган. Элди эл, улутту улут кылган калк өзү иштеп чыккан ушундай элдик тарбиялык мыйзамдар болгон.

Элдик таалим-тарбия салттарынын ичинен үй-бүлөлүк мамиле, андан дагы кайын эне – келин мамилеси Алиман менен Толгонайдын байланыш-катышында абдан кылдат чагылдырылат.

«Келиндин келгендегиси» деп коюшат, үй-бүлөгө башка тарбияда, башка чөйрөдө туулуп, өсүп-өнгөн кыздын кошулуп кетиши бир кыйла татаал жана мезгилди талап кылуучу процесс. Мында чечүүчү роль кайын энеге таандык. Эң биринчи босого аттап кирген келинге кайын энеси чыгып жоолук салат, чачыла чачат, бул салт чоочун аялдарды жакындаштыруунун символу. Ак жоолук – ак тилектин, таттуу чачыла – таттуу, ысык жашоонун символу.

Толгонай менен Алиман да биринчи көрүүдөн эле жактырып, келининин гүл терип, анысын акырын билгизбей Касымдын комбайнына алып барып койгонуна кайын эненин ичи элжиреп, «гүл сүйгөн келиним» деп атайт жана бул «гүл сүйгөн келиним» деген аныктама повесттин бир топ учурунда: кадыресе турмуштук көрүнүштөрдө да, романтикалуу учурларда да, трагедиялуу жагдайларда да кайталанып барат. Кайын эненин өз келинин «гүл сүйгөн келиним» деп айтышы экөөнүн үй-бүлөлүк мамилесинин бийиктигин көрсөтүп отурат, кыргыздарда гүл – жакшылыктын, тазалыктын, назиктиктин, аруулуктун, жагымдуулуктун белгиси. Алиман Толгонай үчүн «гүл сүйгөн келин» гана эмес, өзү да – гүл. Кийин согуш алып келген сыноодон улам келин менен кайын эне адаттагы келиндик жана кайын энелик функциядан өйдө көтөрүлүп, сырдаш курбу, бири-бирине кайрат-кубат берүүчү дос, а түгүл бирине экинчиси эркек сыяктуу ургаачыны алдыга тартып кетер кайраттуу жолдоштун кызматын да аркалап калышты. Адатта, бир топ учурда көп элдерде, мисалы, Кыргызстанда эле жашаган славян калктарында кайын эне түшүнүгү шылдыңдуу, келиндин душманына жакын түшүнүлөт, мындай көрүнүш соңку жылдарда кыргыздарга да оошуй баштады. Ал эми салт сактаган кыргыз үй-бүлөсүндө, өзгөчө кыйынчылык учурда келин кайын эне үчүн, же кайын эне келин үчүн өз уулундай, өз энесиндей. Толгонай менен Алимандын мамилеси дал ушундай салтты улантып турат. Келини башка бирөө менен кетип калган эң оор учурда да Толгонай ага бир ооз жаман сөзүн айтпайт, Алиман болсо бир түнү мас болуп кайын энесине тил тийгизип, бирок эртеси кайра жер карап Толгонайдан кечирим сурайт. Алиман бир жолу төркүнүнө кетип калганда Толгонайдын жинди болуп кете жаздагандыгы, ал толготуп жатканда ага Толгонайдын көрсөткөн камкордугу – кайын эне менен келин мамилесинин абдан бийик адамгерчиликке жана элдик педагогикалык салттарга негизделгендигин айгинелөөчү фактылардан.

Толгонай үчүн мисалы Жанболот генетикалык жактан эч ким эмес. Алиман аны Толгонайдын балдарынан да, жакындарынан да эмес, таптакыр башка бирөөдөн төрөп алды. Бирок Толгонай үчүн ал – бала, небере, тукумун, канын улантуучу. Болгону келини Алимандын каны бар үчүн гана. Мындай өңүттөн караганда Алиман өзү да Толгонай үчүн келин эмес, анын канынан чыккан кызы сыяктанат.

Толгонайдын колунда таалим-тарбия берүүчү балдары – биринчи муун болсо, келини – экинчи муун, эми Жанболот – үчүнчү муун. Ал тигилерди адам деген атка татыктуу кылып тарбия берди, алар адамдык жол менен бул жашоодо таза, пайдалуу жашап өттү. Эми карманар туткасы, каниет этери Жанболот. Эненин энелик милдети – мындан ары Жанболотун жакшы адам кылып өстүрүү. Окурман Толгонайдын тарбиясын алган Жанболоттун заманына татыктуу адам болуп жетилерине ишенет.

«Саманчынын жолундагы» элдик таалим-тарбиянын салттары кошунага кылган мамиледен билинет. Кошуначылыкка кыргыз салтында, жалпы эле мусулман дүйнөсүндө өзгөчө маани берилет. Элде «карышкыр өз короосуна тийбейт» деп коюшат, илгери жылкы тийип келүү салты күчөп турган кезде да жигиттер кошуна короолорго тийген эмес экен. Жайлоого, жаздоого, күздөөгө чыкканда жер тандоодон мурда жакшы кошуна издешкен.

Ислам дининде жана кыргыз элдик педагогикасында адамдын ыймандуулугун билүүнүн бир ченеми анын кошунасына кылган мамилеси менен аныкталат. Мухаммед пайгамбарыбыз хадистеринде: «Силерге коңушуларыңыздарга жакшылык кылууну буйрамын»,– деп айтат. Жакшы кошуна жандын ырахаты, жаман кошуна бир өмүрдү өкүнүчтө өткөргөндүк. «Көрүңдө да кошунаң тынч болсун» делет. Кошунаң тынч болбосо сенде да тынчылык болбойт, кошунаң ачка болсо сенин тамагыңдан оокат өтпөйт. Хадистерде дагы насаатталат: «Түбөлүк жашай турган жайда жаман кошуна болуудан сактангыла, талаадагы кошуна бир аз убакыттан кийин эле кетип калат», «Кишинин он аялды зина кылган (ойноштук кылып бузуп койгону– М. А.) азабы кошунасынын аялы менен зина кылганынан жеңилдир. Кишинин он үйдөн уурулук кылганы кошунасынын үйүнөн уурулук кылганга караганда жеңилдир». Буерде, албетте, пайгамбарыбыз зина кылыш, уурулукка барышты актап аткан жок, буерде кошунага кол салуу ушунчалык бир оор күнөөлөрдүн эң оору экенин эскертип атат. «Жанындагы кошунасы ачка турса өзү тойгон адам мусулман эместир» делет пайгамбар осуяттарында. Кыргыздар «Конуш алганча, коңшу ал», «Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат», «Коңшуң көр болсо, көзүңдү кысып өт», «Коңшулуктун белгиси – алыш-бериш, досчулуктун белгиси – барыш-келиш», «Коңшунун азары болсо да, безери болбойт», «Коңшунун ити коңшуну каппайт» деген сыяктуу макалдарды карманып жашаган.

Илгери кыргызда мергенчилер уудан кайтканда шыралга деп азыгынын алгачкысын кошуналарына ооз тийгизген. «Кожожаш» дастанынын башкы каарманы Кожожаш мерген кырк үйлүү кытай уруусун кайберен эти менен багат эмеспи, кырсыктуу ошол жүрүшүнүн алдында анын Зулайкага үйлөнүп, мергенчиликке чыкпай калганына ошол кийик этин жеп кынык алган кошуналары жини келип, сөз айтып, аны аттантат эмеспи. Демек, мифологиялык-тотемдик доордо да кошуналарды багуу эр-жигиттин мойнундагы карызы болгон.

Кошуна «жан кошуна», «акыреттик кошуна», «кыяматтык кошуна», «кыбыла жактагы кошуна» дегендей жакындыкты билдирген сыпаттоолор менен ардакталат. Конок чакырсаң, той берсең кошунаны аттап кетүү адепсиздик болот, үйүнө киши чакырууну дал ошол кошунаңдан башта, жакшылык ишти ойлонуштурсаң кошунаң менен кеңеш деген насааттарды айтат ислам динине жана байыртадан келе жаткан этникалык эрежелерге таянган кыргыз элдик педагогикасы.

«Саманчынын жолу» повестиндеги кошуналар – Толгонай менен Айша да ошондой элдик нускадагы кошуналар. Толгонайдын күйөөсү менен уулу Касымды угузарда эл Айшанын короосунда жыйналып турат, уурулар эгинди алып кеткенде артынан кууп барып жатып калган Толгонайга эң биринчи кошунасы он төрт-он бештеги Бекташ жетип барып, «Токон апалап» кыйкырып, ууруларга карап: «Биз баары бир өлбөйбүз, көрөсүңөр го, мен да чоңоюп жетилермин. Бул кылганыңарды эч убакта унутпаймын», – деп муштум кезеп, Толгонайга кубат, бел болот. Ушул кошуна Бекташ эки үйдүн ортосундагы бала болот, анын Касым, Майсалбек, Жайнактан айрымасы жок, ошолордой эле кызматы бар, Толгонай менен Алиманга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк. Толгонай ооруп калганда өзү араң онтолоп жүрүп Айша кошунасы чөйчөккө каймак сызгырып келет да «биз сени менен кишибиз» деп моралдык кайрат айтып күчтөндүрөт. Толгонай бир жакка чыкса үй-жайды Айшага дайындап көңүлү тынч кетет, машинаны болсо Бекташ токтотуп берет, же өзү арабасына салат. Алиманды бузуп кеткен чабан жигиттин айылына дал ушул кошунасы Айша барып «соттойт» да, анын ким экендигин билип, анысын Толгонайга айтып келет. Толгонай кыла албаган ишти оорулуу болгонуна карабай кошуналык парзын аткарып ушул Айша кылат. Алиманды да жолдо Бекташ төрөтөт, төрөттөн каза болгондо дал ошол кошуна Бектеш жол катар шолоктоп келет. Ошондо төрөлгөн Жанболотту Бекташ өз баласындай көрөт, кокус бир нерсе болсо мектебине барып териштирип келет. Айша өлгөндө Толгонай кошунасы моюндашынан ажырап, өксүп жүрөт. Чыгарманын финалында да Толгонай эне кырманга Бекташ менен Жанболотко конокко барып, саман үстүндө саманчынын жолун тиктеп жатып уктап кетет.

Мына ушундай кошуналык мамиле повестте жөн гана дал келүү, кирди-чыкты нерсе эмес, ал биринчиден, каармандардын мамилелешүү схемасын көрсөтсө; экинчиден, элдик салтты чагылдырып берүүдө; үчүнчүдөн, кошуначылык мамиленин кийинки муундарды тарбиялоодо чоң мааниси бар экендигин эске алып, андагы тарбиялык насааттарды сууруп чыгып, ошолордон үлгү алгыла деген ибараттар айтылууда.

Азыр эми шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдө тургандар мындан жарым кылым мурдагы эле кошуначылык парзды, кошунанын милдет-максаттарын билбей калышкан кезде «Саманчынын жолу» повестиндеги эки үй-бүлөнүн мамилеси өзүнчө бөлүп чыгып, үлгү кылып көрсөтө турган көрүнүштөрдөн.

Жазуучу «Саманчынын жолу» повестиндеги окуяларды, ошол окуялардын чордонунда жүргөн прототиптерди да эл арасынан алган. Бул темада кызыктуу изилдөө жүргүзгөн Y.Култаева мындай жазат: «Дегеле Айтматовдун чыгармачылыгында, айрыкча чыгармачылыгынын 1-этабында ЭНЕ жана АЯЛ проблемасы өзгөчө орунда турат. Мунун өзү да турмуш чындыгы эмеспи. Биринчиден, жазуучунун атадан эрте калып энесинин колунда тарбияланышы, болгондо да сөөгү таза, акылы тунук, билимдүү аялдын колунда өсүшү, экинчиден, балалыгы согуш мезгилине туш келгендиктен «бүт аалам аялдардын колунда» турганда адам катары калыптанышы анын чыгармачылыгына өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Ушундай шартта тагдырында маанилүү роль ойногон топ аялдын ичинен Толгонайдын прототип катары тандалышынын өзүндө турмуш чындыгы бар экен. Толгонайдын образында берилген эң мыкты сапаттар: кайраттуулук, акылмандык, нарктуулук кадимки жийделик Толгонай байбиченин сапаттары экен. Апаат согуш эр бүлөнү мойсоп, жеке үй эмес, бүтүндөй айыл жетимсиреп турган согуштан кийинки болгон бир окуяны элеттиктер эстен чыгарбай мындайча эскеришет: Айылда адам өлөт. Көр казарга, каза тапкан пендени көтөрүп көргө коерго эркек тана табылбайт. Ошондо Толгонай ургаачы аттуудан жалгыз өзү өспүрүм балдарды бейитке ээрчитип келип, башкөз болуп балдарга көр каздырат. Анан түбөлүк жай даяр болгондо көр ичине өзү түшүп сөөктү кандай коюу керек экендигин балдарга жакшылап түшүндүрөт. Ал эми сөөктү мүрзөгө алып келгенде салтты сактап, балдарга сыртынан көз салыптыр. Ошондон кийин балдар өлүк көмүү зыйнатын үйрөнүшкөн экен»[23]. Ушул фактыга караганда Толгонайдын образы үчүн негиз болуп берген реалдуу каарман да турмуштун өзүндө бардык жактан алып караганда элдик тарбиячы болгон, жазуучу болсо ошол жашында көрүп-билген окуяны кийин чыгармачылык фантазия менен байытып көркөм чыгармага айлантты да, анда каармандын тарбиячылык жагына андан бетер күчтүү басым жасалды. Ушундай сүрөткерлик иштөөлөрдөн кийин гана «Саманчынын жолу» повести кыргыз элинин үй-бүлөлүк тарбиялоо салттарынын энциклопедиялык чыгармасына айланды жана анын эстетикалык сабактары ошол калк казанында кайнаган таалим-тарбия жөрөлгөлөрүн терең ачып бергендиги менен нарктуу.

[1] Каралаев С. Манас. 1-т., 1989. – 88-б.

[2] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-13-б.

[3] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-71-72-б.

[4] Алтайские сказки: Записали и пересказали Анна Гарф и Павел Кучияк. – М.: 1991. – 65-67-б.

[5] Алтайские сказки: Записали и пересказали Анна Гарф и Павел Кучияк. – М.: 1991. – 67-74-б.

[6] Өмүрбай М. Кыргыз мифтери. / Кыргыздар: 10 томдук, түз: К.Жусупов, К.Иманалиев, 3-т., – Б.: 2004. – 418-б.

[7] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б., 1999. – 478-б.

[8] Кыргыздар: 10 томдук, түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 1-т., – Б.: 2004. – 259-б.

[9] Кыргыздар: 10 томдук, түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 1-т., – Б.: 2004. – 362-б.

[10] Кыргыздар: 10 томдук, түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 1-т., – Б.: 2004. – 320-б.

[11] Мукамбаев Ж. Экинчи сабак//Кыргызстан маданияты. 1988, 31-март.

[12] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 17-б.

[13] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 19-б.

[14] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 28-б.

[15] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 43-б.

[16] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 44-б.

[17] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 44-б.

[18] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 44-45-б.

[19] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2004:-73-74-б.

[20] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 60-б.

[21] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 64-б.

[22] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т., – Б.: 1999. – 58-б.

[23] Култаева Y. Турмуш чындыгы жана көркөм образ. – Б.: 2002. – 17-18-б.

  1. Атка мамиле – элдик таалим-тарбия салттарындагы адамды сыноо каражаты катарында

(«Эрте келген турналар» повестинин мисалында)

Адамзат ар дайым прогресске умтулуу менен ошол динамикалык кыймылында артка көз салып, качандыр бир өткөн турмушундагы жакшы нерселерин алдыдагы жолуна пайдалануу үчүн колдонуп келген. Бул жагынан инсанияттын коомдук аң-сезимин баштап жүргөн бүгүнкү жазуучунун да өтөлгөсү өзгөчө сезилүүдө жана бул агымда бизге окшогон өткөнү жакын, башаттарынан анчалык алыстап узабаган, алдыга шарактап кетип калып, анан баштагыларын самаган жапондордой, же европалыктардай күйүттү көп тартпаган элдерден чыккан жазуучулардын этникалык маданиятты, этнографиялык салттарды, этнопедагогиканы өз чыгармаларында көтөрүп чыгышы дүйнөлүк коомчулуктун бүйүрүн кыйла кызытты. Бул процесс алга жылуу жолунда дагы да тереңдей берери түшүнүктүү болуп калды.

Ушундай аспектиден алып караганда кыргыз элинин турмушундагы балдарды тарбиялоо, аларга эмприкалык билим берүү багытындагы элдик салттар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында кандайча чагылдырылып жаткандыгы, алардын азыркы глобалдашуу процессиндеги орду, интернет желелери адам баласынын акыл-эсине жармашып, аларды компьютердин монитору аркылуу бириктирип чырмап тургандагы аткарар вазийпасы атайын иликтөөнүн объектисине айланып жаткандыгы карап көргөн кишиге өзүнчө бир кызык көрүнүштү берет.

Биз мына ушул көп тарамдуу жагдайлардын бул главада бир гана жагын – кыргыз турмушундагы жылкы баласына болгон адам баласынын мамилесин, атка мамилени адамды тарбиялоо каражаты катары пайдаланган элибиздин этнопедагогикасын жазуучу бүгүнкү күн менен кандайча ашташтыргандыгын карап көрүүнү максат кылып турабыз.

Жазуучу катары Чыңгыз Айтматов неге мынчалык жылкы баласын келиштирип сүрөттөйт да, жылкыны жандандырып, адам менен бириктирип жиберет дейсиң. Айталык, «Гүлсаратта» Адам менен Жылкы каны да, жаны да, ою да, сүйүү-күйүүсү да, жаштыгы-карылыгы да – бүтүндөй тагдыр-таржымалы, дене-бою биригип калган. Г.Гачев белгилегендей Эне-Табиятты көрүүдө Танабай микроскоп болсо, Гүлсары телескоп-макроскоп[1], ошон үчүн адабиятчы ал экөөнү бириктирип, кентавр кылып, а түгүл Гүлсары плюс Танабай, барабар Гүлтан (Гүлсары + Танабай = Гүлтан) деп карайт. Мунун өзү эпикалык доордогу баатыр менен анын минген атынын тагдыры кайталанып жатканын эчен адабиятчылар жазып чыгышты. Бирок бул көрүнүш ал эле эмес, ошол эпикалык доордун акыркы жугу-журтун көрүп калган жазуучунун өзүнүн элдик тарбия алгандыгы менен да, анын суу ичкен булагы кайда экендиги менен да түшүндүрүлөт. «Жаратылыш бул – атанын үйүнүн короосу да, бүткүл аалам да, жалпы космикалык мейкиндик да. Атажурттун асманындагы жылдыздар да – кандаш… Бүткүл салттуу турмуш образы биртууган табият менен аныкталат. Анын кыйрашы этносферанын кыйроосу, андан өтүп этностун өзүнүн кыйроосу менен байланышат. Табият инсандын жана адамдын калыптанышында өлчөөсүз чоң роль ойнойт… Эл жана табият, элдүүлүк жана табигыйлык бөлүнгүс. Алардын биримдиги – жер үстүндөгү жашоонун эң жогорку гармониясы.

Чыныгы акын, музыкант, сүрөтчү, педагог биринчи кезекте, эң алды менен табият койнунда калыптанат». Бул пикир белгилүү этнопедагог Г.Н.Волковго таандык[2].

Чыңгыз Айтматов эң кичинекей чагында кылымдар бою кыргыз турмушунун ажырагыс бөлүгү болгон көчмөндүк салттын көчүү процессине аралашып калган. А жайлоого көчүүнүн бир күнү жаш балдар үчүн турмуштун эң чоң университети, элдик тарбиялоонун эбегейсиз чоң сабагы болгон. Жазында жайлоого көчүү, жайлоонун бир жеринен экинчи жерине журт которуп туруу, анан күздө кайра кыштоого кайтуу – булардын баары балдарды тарбиялоонун, аларды чоң турмушка үйрөтүүнүн элдик мектеби эле. Дал ошол көч аркылуу балдар, биринчиден, эмгек кылууга, б.а. көч коштоп мал айдоого, жүк артууга жана түшүрүүгө, боз үй тигүүгө, өрүлүктөөгө, шернеге барууга, көч менен кошо жүрүүгө көнүккөн. Ошол эле кезде геометриялык эрежелерди билбей туруп эле ооп калган жүктү тең салмакта сактап баруу үчүн төөгө, атка, өгүзгө, эшекке жүк артуунун жол-жоболорун үйрөнгөн. «Бир ирет мен да чоң энем менен көчкө кошулдум. Айымкан чоң энем мени бир тайга мингизип койгон. Мен эч качан ошол тайды эсимен чыгара албайм. Беш-алты жашар кичине баланын өзү жалгыз атка минип жүргөнү кызыктуу да?.. Ооп калбасын деген го ээринин эки жагына жыгачтан таянгыч коюшкан экен. Чоң кишилер отурган ээрлерге салыштырып караганда, балдар үчүн атайын жасалган мындай ээрлер айырмач деп аталып, шаардык балдардын отургучтарына окшошуп кетет. Менин өзүмө ыйгарылган атайын атым, анан ээрим бар үчүн аябай сыймыктанып, териме батпай, толуп-ташып барам. Көч менен кошо атымды алкынтып, оюн салдырып дегдеңдеп жөнөйм. Ырысымбы, айтор мен минген тайым аябай эле жоош болучу. Чоң энем менен туугандарыбыздын жанында көч коштоп ат бастырар элем. Yйүр жылкылар менен короокороо койлорду айдачубуз. Төө үстүндөгү жүк ары-бери чайпалып, биз сонуркаткан керемет жайлоого жөнөчүбүз.

Бирок, жайлоого эки гана айга барып, кайра келе турган ушул көч кандай гана азап-тозок менен анан даяр болчу?! Барган, келген жолдо миң түркүн кыйынчылыктар кездешип турар эле. Анысы аз келгенсип, туруп-туруп эле борошо уруп, кар жаап ийчү. Андайда жүгү менен төө кулап, же тоо урап, анын астында малдарыбыз калып калчу. Бала-чакасы, катын-калачы, эмерек-мүлкү менен айрым үй-бүлөлөрдү көчкү баскан күндөрдү да көрдүк»,– деп эскерет жазуучу өзүнүн беш-алты жашар кези тууралуу[3].

Азыркы беш-алты жашар шаардык баланы жалгыз өзүн тайга мингизип көчкө кошуп койгонун элестетүү кыйын. Анткени азыр жалпы элдин турмуш образы башка нукка ооду. Бала өзүнчө тайга мингенге ыраазы, бул баланын өзүнө өзү ишенүү сезимин өстүрүп, космос менен жер ортосундагы өзүнө өзү батпаган баланын ички толкундануусун, рухий жарылуусун жаратат, баланын өзүн өзү чоң адамдар арасында көрүүсү бул анын эрте жетилүүсүнүн белгиси. Шекерликтердин жайлоого көчүүсү бул жөн гана кезектеги бир көч эмес, бул – символ, баланын кыргыз маданиятын дүйнөгө алып барып таанытып келүүчү улуу жазуучулукка бараткан улуу көчү. Көч – баланын тааныпбилүү диапозонунун улам кеңейип баратышы. Балким шекерлик башка балдар үчүн бул көчтүн анчалык дале мааниси жоктур, алар үчүн мындай турмуштук көрүнүштөр туулгандан көнүмүшкө айланган нерселердир, ал эми шаардан барган, шаардык «колбада» өскөн бала үчүн бул унутулгус окуя гана эмес, анын акыл-оюн, сезимин көч менен кошо жайлоого – бийиктикке жана тазалыкка алып чыккан улуу бурулуш болгон.

Кыргыз этносунун тарыхын да, этнографиясын да, этнопедагогикасын да, этномаданиятын да өтө кылдат изилдеп жазып кеткен С.М.Абрамзондун мындай пикири бар: «Кыргыздын балдары 6-7 жашынан тартып эле, А.Н.Бернштам белгилегендей, койго (музоого) мингенди, жаа менен канаттууларды атканды, кийинчерээк тайларды мингенди үйрөнүшкөн. Кыргыздарда бул үчүн балдарга ылайыкталган ээрдин атайын тиби – айырмач болгон, бул ээр балдарга атчан жүрүүгө өз алдынча үйрөнүүгө мүмкүндүк берген. Кийинчерээк кыргыздын эркек балдары майда жырткычтарга мергенчилик кылышып, тоолордо, өз айлынан алыскы жайыттарда көчүп-конуп жүрүп, кыйын-кыстоо шарттарда атуу өнөрүн үйрөнүшкөн. Жашы жетип, болжол менен 14-15 жаш курагында кыргыз уландары атчан аскерлерге кошулуп, жоокер болгон. Уландарды аскер ишине үйрөтүүнүн негизин жеке машыктыруу түзгөн, бирок эпостун материалынан көрүнүп тургандай, тобу менен чогуу үйрөтүп машыктыруу ыгы да колдонулган. Өзүнүн теңтуштары менен аң уулап, көңүл ачып жүрүп, Манас 11-12 жашында эле жааны чебер ата билген, 13 жашында найза менен душмандарын жеңген, ал эми 14 жашында алардын айылдарын кыйраткан»[4].

Мына караңыз, эпикалык доордун баласы менен советтик доордун баласын эмне жакындатып жана эмне ажыратып турат? Манас жана Чыңгыз. Чыңгыз жана Айтматов. Экөөнү бириктирип аткан кылым жиби – атка өз алдынча минүүгө үйрөнүүсү. Манастын максаты – ат менен урушка кирүү, Чыңгыздын максаты – оокат-тиричиликке тың болуу, элдин жашоо ыңгайына аралашуу жана эң негизгиси – кийин-кийин жазуучу болгондо пайдаланар турмуштук тажрыйбага ээ болуу.

Ошондогу кыргыз көчүнүн, Төрөкул уулу Чыңгыз катышкан көчтүн дагы бир чоң милдети – бала жүрөгүнө кыргыздардын байыртадан бери келаткан табият жана адам мамилесин, пендезааты менен кудайдын куттуу жаратылышынын миң сан жиптер менен байланган гармониясын туюусу. Мында адам баласынын Табияттын жана Жараткандын алдындагы кумурскадай алсыздыгы да, ошол алсыздыктан улам табияттын ээлерине жалынып-сыйынуулары да жакшы көрүнгөн. Жазуучунун «Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон Аладөбөт» повесттериндеги, «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдарындагы инсан жана табият концепциясы, жаратылыш алдындагы адамдын социализмдеги айрым теоретиктер көтөрүп чыккандай багындыруучу эмес, тескерисинче, багынуучу позициясы дал ушул бала кезде дилине түнөп калгандай. Эгерде бала кезинде Айтматов ошол көчкө катышып, ошол жайлоодо жүрүп калбаганда а балким анын жаратылышты мынчалык мээрбандуулук менен көрсөтүүсү ишке ашпай калат беле деп да ойлойсуң. «Айтмакчы, Айтматов өткөн доордо көчмөндүк менен күн көргөн элдин өкүлү катары (кесиби да ветеринар-зоотехник болуп атканы кокустуктан эмес го), – деп жазат Г.Гачев, – каармандарын жаныбарлар менен бир бүтүн болуп биригип кеткен жагдайга алып келет: «Жаныбарым, Гүлсарымда» каарман кентавр Гүлтан: адам астында Гүлсары жоргосу менен; «Ак кемеде» бала – оборотень (айбан же башка бир нерсеге окшоп кубулуп кетүүчү мифологиялык образ – М.А.): бир туруп эле Мүйүздүү Бугу эненин маралдарына айланат да, кайра туруп эле балык минип алып, дельфинде жүргөнсүп – Ак кемеге – атасына (дельфин минген амур-периште эллин искусствосунун жана жаңы европалык живопистин тааныш мотиви) сүзүп жөнөйт. «Деңиз бойлой жорткон Аладөбөттө» бозулан Кириск Орган карыя менен бирге Улуу Туман жана Мухиттин космикалык суусунда Балык-Аялды минип барат… «Эрте келген турналарда» Султанмурат болсо куштарга байланып калгандай жабышап алган: «гуси-лебеди»[5]. Демек мына ушулардын баарысы көчмөндүк турмуштагы табият менен күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын алака-катыш түзүп турган элдин көчмөнчүлүк реалийлери менен терең байланышат.

Чыңгыз Айтматовдун дагы бир утугу – шекерликтердин, а балким бүт кыргыздардын өз расым-салты менен, байыртан келаткан каадасы менен турмушта реализацияланган, баланын көз алдында апробацияланган эң соңку көчтү көрүп калгандыгы. Бул көчтөрдүн салты, уюткусу автомобилдин жаралышы, бульдозер, грейдер, экскваторлордун турмушка кириши, колхоздошуунун күчөшү менен бара-бара түгөнүп, акыры ошол бала Чыңгыз көргөндөн болжолу бир аз жылдар өтүп-өтпөй эле турмуштан жылас болду жана жашоонун жаңы ыңгайы кыргыз көчүнүн таптакыр башка формасын – цивилизациялашкан формасын жаратты да, машина үстүндө жайлоого бараткан беш-алты жашар бала табияттын илгеркидей каар-айбаты менен түздөн түз бет келбей калды.

А бирок ошол из, ошондогу көчмөндүктүн энбелгилери жазуучунун дил туюмуна түбөлүк басылып калды жана алар улам сузуп алуучу рухий кудукка айланды. Ошол көп элестердин арасында биринчи жолу өзүнчө минген тай, анан жайлоодогу жайылган жылкылар, ашуудагы учуп бараткан ат-көөлүк, желедеги кулундар бала жүрөгүнөн бара-бара жазуучунун жүрөгүнө башкача болуп тазаланып да, таасир берип да, ойго салып да өтүп барды.

Ошондогу балага тайды ишенип берген кыргыз салтын жазуучунун кийин-кийин жазылган «Эрте келген турналар» повестинен кайрадан байкайбыз.

Повесть боюнча таң ата эки караан эки ат чегилген араба менен Жамбылга карай келатты. Анын бири көптү көргөн, бул жолдо көп жүргөн «божу кармаган тарамыштуу туурук колдуу», айылга жермай ташыган ата, экинчиси – али эч нерсени көрүп-биле элек, «Улуу Тоодон эңкейиштеп, те төмөндө күүгүм көктүн шаңында жондогон Кара Тоону көздөй кашкайып чубалып жаткан» жол менен алгач жүрүп бараткан, жол акыры Жамбылга алып барарын өмүрүндө биринчи көрүп аткан бала. Мындайда ата баланы өз эркине коет, баарын өзү көрсүн, билсин, турмушту уккандан эмес, көргөндөн таанып билсин дейт. Бир убакта аткан таң менен чыккан күнгө көңүлү толкуп, жүрөгү өрөпкүп, Султанмурат кеңирсип баратты.

  • Кандай, ойгондуңбу? – деди атасы тамашалап.
  • Уктаган жокмун, – деди уулу.
  • Анда ме, карма. – Атасы божуну берди.

Улуттук салт боюнча атасы кармаган буюмду уулуна берүү – бул атанын балага болгон ишеними, баланын бой жеткенин расмий таануу, атайын белгилөө. Мергенчи уулунун өз ишин улантарына көзү жеткенде мылтыгын баласына карматкан, ага чейин ага эчкимди катылткан эмес, дыйкан өз кетменин уулуна да ушундайча берген, тигүүчү биринчи кезекте оймогун өз кызына гана ыраа көргөн. Мал артында жүргөн киши атын базарга сатып, уулуна башкасын алып берген эмес, өзү минип жүргөнүн атайын ырасым-салт боюнча эр жеткен эркек баласына мингизген. Ал – балага берилген укук, атадан балага өткөн мураскерлик. Чыгармада Султанмуратка божуну берүү – ага араба айдоого ишеним берүү гана эмес, арабага чегилген аттар Чабдар менен Чоңторуну кошо ишенүү, бул алдыда келаткан согуш капшабын акырын билгизбей эскертип өткөн жазуучунун купия сыры. Балдар даяр болуш керек, аталар божуну балдарга бергендей, эртең согуш болсо аталар тылдагы жумуштарды, элдин тагдырын балдарга берүүгө даяр болуш керек.

Ошон үчүн «Эрте келген турналар» бул – «эрте жетилген балалык», бул – «божуну эрте колго алган балдардын тагдыры». А кыргыз баласы үчүн бул ишеним элдик таалим-тарбия салттары боюнча толук жетилгендиктин белгиси. Эл алгезде баланын жигит болгонун, ишке жараганын аттестат, же диплом алганынан билген эмес, атүгүл анатомиялык-физиономиялык факторлорду да, айталык, анын бетинин, денесинин түзүлүшүнүн өзгөргөнүн да анча таназар алган эмес, ал атасынын атына, атасынын мылтыгына, атасынын карышкыр кармар капканына, кыздын апасынын оймогуна ээ болгонун карап туруп, ишеним берилгенин туюнушкан.

Кыргыздарда «ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат» деген макал бар. Мунун мааниси байыркы уруулук коомдордон келе жаткандай, анткени «ок жонуу» өтө көөнө өнөр катары атадан балага өткөн. «Ок жонуу» бул – үй-бүлөнү, андан өтүп бир урууну багуу, ок жонгон жигит мергенчиликке чыгат, ал кезде адамдардын жашап турушунун жападан жалгыз жолу – ууга чыгуу болгон. Андыктан эркек балдар атадан ок жонууну үйрөнсө, кыз балдар энелерден териден кийим-кечек тигүүнү (тон бычууну) үйрөнгөн. «Манас» эпосунда баатырлардын балдары баары баатыр чыгып, колго найза алат, Каныкей болсо эне тарбиясынан көргөнүн кылып, баатыр жарынын бүт жоо кийимдерин тигип берет, а түгүл Кошой дөө күрөшкө чыгарда ага ылайык кийим кандай табылар экен деп турушканда, мунун айласын дагы да болсо Каныкей өзү табат. Ал хандын аялы болсом… деп бой көтөрбөйт. Же «Кожожаш» эпосунда башкы каарман ата Кожожаш камалып каза болгон аскадан анын тарбиясын көргөн баласы Молдожаш секирип-секирип ойноп, оңой эле жол таап чыгып кетет. Эпикалык баатырлар каза болгондо алардын өчүн, кегин 12-13 жаштагы балдары алууга киришет.

Мындай элдик педагогикалык ойлорду Ч.Айтматов «Эрте келген турналар» повестинде кандай максат менен, эмне үчүн колдонулуп жатат деген маселе алдыбызга коюлса өз-өзүнчө бир топ кырдаал-шарттарды ойлонууга туура келет.

Биринчиси, балдар эрте жетилип, эртең согуш чыкса ага даяр турушу зарыл деген идея; экинчиси, балдардын аталардын ордун басыш керектиги тууралуу ой; үчүнчүсү, деги эле кыргыз турмушунда боло келген таанып-билүүнүн эң башкы жолу – атанын балага жашоону үйрөтүшү жана ушулардан келип чыгуучу болочоктогу айбан-карышкыр жана «адам-карышкыр» менен кармашуучу каармандын ошол кармашка чейин кандай таалим-тарбия алгандыгын, анын рухий азыктануусун, тарбиялык башаты кайда экендигин көрсөтүү. Демек, мунун баары жазуучу адам катары Султанмураттын элдик тарбияны, аталык тарбияны көргөндүгүн дааналоо үчүн атайын колдонгон ыкмасы болуп саналат.

Кыргыз турмушунда аттын ролу өзгөчө чоң болгон. Повесттеги окуялар сүрөттөлгөн Улуу Ата Мекендик согуш учурунда байыркы замандардан бери келе жаткандагыдай аттын урушка кирүүсү, баатырдын ат менен жоону качырып сайышы, же душмандын жылкысына тийип, айдап келүүсү тарыхта калган мезгил эле. Бирок тарых атты өз нугунан сүргөн менен тылдагы турмушка ат аябагандай керек болчу. Башкарма Тыналиев мектептен Аксайга кош айдоо үчүн балдарды тандап атканда алардын атын кошо тандайт. Беш жигиттин колбашчысы он бештеги Султанмурат, атасы Бекбай минип жүргөн ат Чабдарды эми баласына беришет. Экинчи чоро – Анатай, анын аты – Октору. Yчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, анын мингени – «аркарды койдой айдаган Акбайпак деген күлүк». Төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр. Бешинчиси – Кубаткул, анын мингени – Жибекжал.

Мына ушул Тыналиев атаган «Аксай десанттары» жазуучунун сүрөттөөсүндө – чоролор. «Чоро» дегендер байыркы жоокерчилик заманда баатырдын эң жакын тандамал жигиттери. Көбүнчө алардын саны кырк болот. «Кырк» жөн гана магиялык сан эмес, бул кыргыздын кырк уруусунан тандалган, ар биринин ошол урууга сөзү өтө турган, керек болсо хандык баркы бар кишилери. «Чоро» деп, «баатыр» деп кайрылуу жоокерчилик замандан келаткан, чоң иштерге жарай турган жигиттерге карата айтыла турган ишенүү, эркелетүү, жогору көтөрүү, көкөлөтүү маанисиндеги сөздөр. «Баатырдын чоросу» деген сөз менен «баатырдын аскери», «баатырдын колу» деген түшүнүктөрдө асман менен жердей айрыма бар. Тыналиев үчүн Аксайга бараткандар Улуу Ата Мекендик согуштун эң кыйын участогуна ташталган, өлүмгө түздөн түз асмандан түшүп бараткан десантчылар менен салыштырылса, жазуучу аларды өз башкармасынан башкачалап, элдик традиция менен «чоролор» деп атайт. Ч.Айтматов элдик речтин мына ошол уюткусун кыйын күндөрдүн жигиттерине карата атайын колдонууда.

Аксайга кошчу болуп тандалганда беш жигит, беш баатыр, беш чоро «башкарманын жүзүнө тик карап, сыймыктана кулак төшөп, ар бир буйругун аткарууга даяр турушту. Балдарга азыр алдында башкарма эмес, зоот кийген, каарынан жер жарылган, кадимки көкжал Манас өзү тургандай көрүндү. Өздөрү болсо Манастын чоролору сыяктанды. Бир колдо калкан, бир колго кылыч кармап тургандай сезишти». Башкарма-фронтовиктин байыркы баатыр Манаска окшоп кетиши, өздөрүн балдар Манастын чоролору катары сезиши, а аттарын дастандагы тулпарларга окшотушу эчен кылымдардан бери келаткан кыргыз балдарынын идеалы, таалим алган таасирдүү булагынын XX кылымда да соолубай турушу. Г.Гачев айткан повесттеги жалаң эле «орунбасарлар» калган (талаадагы аялдар эркектердин орунбасарлары, кош айдоодогу балдар аталардын орунбасарлары жана «вр.и.о.» – «временно исполняющий обязанности» милдетиндегилер) окуялардын арасында башкарма Тыналиев айкөл Манастын өзүнүн, ал эми балдар Алмамбет, Чубак, Сыргактардын орунбасарлары болуп чыга келет. Эмне үчүн балдар аталардын орунбасарлары? Дагы Г.Гачевди угуп көрөлү: «…кыргыз (түрк) тилиндеги бир теңдештирүүнү табабыз: «Ат» – лошадь. «Ата» – отец… Көчмөн элдерде аттан өткөн маанилүү нерсе болбойт, ошол сөз менен ата мааниси берилип атпайбы: алар кошуна мааниде жана асылдык-логостук түшүнүк жактан да ушундай. Бул жерде Алма-Ата деген шаардын аты да ошондон, а Европада шаар ысымдары көбүнчө аял-эне менен байланышат. Бекеринин «Родина» деген кыргызча мужской род менен «Ата Мекен» деп айтылбайт да»[6].

Аксайга кошко камданган жигиттер эң биринчи аттарын даярдашат. Бул куду түрк элдеринин баатырдык эпосторундагы сюжеттерди эске салат. Кыргыз изилдөөчүсү Ж.Орозобекова: «Айрым учурда элдик эпикалык чыгармаларда тулпар менен баатырдын эң байыркы калыптанган формаларын кездештиребиз. Бул эки образдын бир денеге бириккени, «бир жандык» болгондугу, же тактап айтканда, башы аттыкы, денеси адамдыкы, же тескерисинче, башы адамдыкы, денеси аттыкы өңдүү мифологиялык образдардын жаралышы ат менен адамдын ортосундагы эң жакын мамилени туюндурат», – деп айтат да, байыркы грек мифологиясындагы Кентаврдын (жарымы ат, жарымы адам) образы түпкүлүгүндө «грек мифологиясындагы мындай образдар чыгыш жана сибирь элдеринин эпикалык чыгармаларынын таасиринде жаралган деген ойду айтууга мүмкүндүк берет. Анткени мындай мотивдер адам коомунун эң алгачкы баскычында эле оозеки түрүндө жашап келген»[7], – деген жыйынтык чыгарат. Изилдөөчүнүн бул пикирине караганда Гегель айткан «адамзат педагогикасынын башаты болгон» грек мифологиясы түпкүлүгүндө түркий жана сибирь элдеринин өсүп чыкканбы деп ойлойсуң. Андай болсо адамзат педагогикасынын башатынын башаты байыркы Сибирь жакты жердеген түрк элдеринин оозеки чыгармаларына барып калат.

Султанмураттын Чабдары, Анатайдын Октору, Эркинбектин Акбайпагы, Эргештин Алтынтуягы, Кубаткулдун Жибекжалы деген сөз айкаштары повесттин поэтикасында кайра-кайра кайталанып, ат жана адам түшүнүгү параллель каралып барылат. Бул деген эпикалык чыгармалардагы Манастын Аккуласы, Төштүктүн Чалкуйругу, Алмамбеттин Сараласы, Бакайдын Көктулпары, Чубактын Көкаласы, Сыргактын Көкчебичи, Ажыбайдын Карткүрөңү, Коңурбайдын Алкарасы, Кошойдун Тайторусу, Күлчоронун Суркоёну, Көкчөнүн Көкаласы, Көкөтайдын Мааникери, Жолойдун Ачбууданы, Рустамдын Ракши,

Көкүлдүн Керкулуну, Курманбектин Телторусу, Семетейдин Тайторусу бирисиз бири каралбаган, бирисиз бири толукталбаган түшүнүктөй. «Эпикалык чыгармалардагы баатыр менен тулпар аттын образынын дайыма тизгинделип чогуу жүрүшү, сүрөттөлүшү, бул эки образдын ортосундагы байыртадан келе жаткан ажырагыс «кош бирдиктүү байланышты» туюндурат. Айрыкча, баатырдын келбетин, калыстыгын, сүрдүүлүгүн, кыскасы, жандан башкача касиеттерин сүрөттөгөн учурда тулпардын образында андан эч качан кем сүрөттөлгөн эмес. Анткени, баатыр ошол күлүк, «адамдай акылдуу, күчтүү тулпары менен баатыр»[8]. Мына ушул традиция «Эрте келген турналарда» андан ары улантылат. Ошол байыркы ат багуу салтын өздөрүнө сиңдирген согуш жылдарынын балдары аттарын өздөрү багып, эки аптада эле «…бөлөк аттардан өзгөчөлөнө баштады. Жем-чөпкө ток, суусуну канган, кашылып тазаланган, жүнү жатып, этине келген аттар булчуңдары буржуюп… баккан ээлерине үйүр алып, алар келатса сүйлөшкөн үнүнөн, же басканынан таанып, эркелегендей кылчая окуранып, бирдеме үмтөткөндөй кебез эриндерин созуп турчу болду. Балдар да кынык алып, кашыганда тартынбастан төрт туяктын астына кирип кетишет. «Так, так, тарт бутуңду, жаныбарым. Так, дейм, ашыкпа, айбан, азыр жем берем! Карасаң эркелигин. Жалгыз сен эмессиң!…» – деп сүйлөшө кетишет.

Алгачкы күндөрү сууга айдаганда аттар үлдүрөп мүргүп басчу, кийинчерээк, айрыкча суудан кайтканда ойноктой турган болушту. Султанмурат Чабдарды, Анатай Окторуну, Эркинбек Акбайпакты, Эргеш Алтынтуякты, Кубаткул Жибекжалды минип, калган аттарды туш-туштан чыга тобун бузбай сууга айдашат. Адамдын кандайлыгы элдик эстетика, этика боюнча анын атка кылган мамилесинен билинет. Өз уулуна Телтору атын бербей койгон Курманбек баатырдын атасы Тейитбек калк ичине ылакапка айланып, түбөлүк терс образдын кейпин кийип калган. Ал эми айтматовдук балдар аттарын эң сонун багышат, «көркүнө чыккан аттарды көрүүгө кызыгып, сарайга баш баккандар көбөйөт», «бу баягы өлөсөлүү көтөрүмдөрбү, же жаңы туулганбы деп калышат балдарды мактап». «Карыялар эски сөзгө кирет: ат адамдын канаты, ат адамдын жолдошу, жакшы кишинин колундагы ат баласындай ысык көрүнөт, баккан ээсине ат да ынак болуп калат дешет. «Ат баласын арык деп, жолго таштап кетпеңер, адам уулун карып деп, колго таштап кетпеңер» деп ылакап сөз менен маселдетишет». Бул ылакап сөз менен маселдешүү, ошол сөздү карыялардын айтышы, жаш жигиттерге карата ушул сөздү багышташы бул кылым келаткан элдик тарбиянын дагы да эл рухуна, өзгөчө кийинки муундарга, ата-бабалардын урпагына куюулуп жатышы, традициянын уланышы. «Космостун жылкы кейпиндеги образы»[9]  деп атаган Манастын тулпары Аккуланын бүгүнкү космостук образы дал ушул беш десанттын беш атына сиңдирилгендей.

А түгүл жылкылардын ысымдары да өзүнчө бир педагогикалык маани аткарат. Чабдар деген Султанмураттын аты «Манастагы» айтылуу Нескаранын «жаадай» учкан тулпары Чабдардын образынан көчүп келгендей. Октору болсо жылкынын түсүнө (тору) жана анын ылдам чуркагандыгына (октой) карата коюлгандай, Акбайпак болсо балдардын койгон аты сыяктанат, анын бутунун ак байпак сыяктуу көрүнүшүнөндүр, Алтынтуяк деген ат да салт боюнча эң кымбат, эң мыкты, баа жеткис нерселерди алтын аркылуу салыштырган чыгыш элдеринин салтынан өсүп чыккандай, Жибекжал болсо байыртадан калктын жибекти кастарлап, эң мыкты тартуусун, эң жогорку салыштыруусун ушуну менен байланыштырган түшүнүгүнөн келип чыгат.

Элдик маданият боюнча адам сыяктуу жылкыга да ырыс-кешиктүү, өзүнө бап келген, жакшы тилектүү ат беришкен.

Султанмурат партада отурса да, аны аттай сезип, өзүн учуп бараткандай элестетет, а түгүл өзүнүн ылым санап, алгачкы сезимдерин ойготкон адамына Мырзагүлгө да атын минип барат. «Борборазия элдеринде канаттуу ат тууралуу ар кыл варианттарда кооз жана поэтикалуу легендалар айтылып келет. Алардын биринде бир жаш жигиттин сүйүктүү жана аны менен ажырагыс бир аты болуптур. Жигит ышкы оту жанган кызына жолугуу үчүн баратканда канаттуу атынын жибек куйругу менен шамалга таралган жалынан керемет күү жыңырып турган»[10]. Бул пикир түрк фольклорундагы салттуу мотивдерден. Түрк элдеринде тулпарлардын түбү кайыптан бүткөндүгү, жылкыны байыркы замандан «асман жылкысы» («небесные кони»), «теңир (кудай) жылкысы» («божественные кони») деп ыйык тутары, а түгүл мындай ыйык сактоо соңку күндөргө чейин уланып келгендиги, кайып аттар калк тарабынан кастарланып, бирок аларга адамдардын мамилеси бузулган соң көрүнбөй калгандыгы фольклорист Т.Абдыракунов тарабынан белгиленген[11]. Саймалы-Таштагы биздин доорго чейинки таш сүрөттөрүндө, Аравандагы Диван мамлекети кезиндеги байыркы таш жазууларында ж.б. жерлердеги түбөлүк «эстеликтерде» ата-бабаларыбыз атты жана ат минип турган адамдарды тартышкан, кечээ күнгө чейин эле Тоскоолата, Чаарайгыр сыяктуу кооз көлдөрдүн ичинде жапайы аттардын жашап келгендигин, алар багуудагы бээлер менен «жытташып» жүргөндүгүн калк уламыш дешип, чындык дешип айтып келишет.

Кыргыз археологдору К.Табалдиев, О.Солтобаев Кочкор өрөөнүнүн Башташкороо деген жеринен 7-10-кылымдарда көмүлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Болжолу жоокердин мүрзөсүндө адам менен аты кошо көмүлгөн[12].

Адабиятчы-философ К.Ибраимов минтип жазат: «… улам барган сайын бүлүнгөндөн бүлүнүп бараткан өткөндүн уңгулуу жашоо формаларын жана уюткулуу рухий санаа-салттарын унутпай сактап калуу мүдөөсү учурдун ашкан зарыл проблемасына айланып отурган бүгүнкү цивилизациянын өктөм шартында аталган калктардын (сөз Ортоазия жана Казакстан элдери тууралуу баратат – М.А.) адабият, искусство өкүлдөрүнүн, ири алды, ошо өз элдеринин эзелтен берки түпкүлүктүү өмүр-таржымалдарынын түбөлүктүү табигый символдоруна айланып калышкан «ат», «төө», «бугу-марал», «кайберен-кийик», «ит-куш» сыяктуу жаныбарлардын касиеттүү образдарына кайра-кайра жан тартып кайрылып атышы, сыягы, жөн жерден болбосо керек. Мындай анималисттик образдар азыркы адабият, искусстводо коом турмушунун абалкы этнографиялык, культурологиялык уңгулуу катмарларын учурдун экологиялык, этикалык катаал контексти менен байланыштырган концепциялуу медиатордун (ортомчунун) ролун аткарып аткандай. Анткени алар, алдыда айтылгандай, аталган калктар үчүн кандайдыр катардагы кадыресе нерселер эмес, өмүр-турмуштун өзүнчө бир кайталангыс өзөктүү системаларын же туруктуу принциптерин, дүйнөнүн адеп туулганда эле кан-жанга эне сүтү менен кошо бүтүп калган кадимки табигый, тааныш абалын каңкуулап турган өзгөчө туюнтмалар. Маселен, калың кавказ калктары үчүн «тоонун», ордолуу орус журту үчүн мелмилдеген «мейкиндин», энчи-шыбагасы менен оокат-ырыскысын суудан буюруп койгон кай бир элдер үчүн «кит» же «балык» сыяктуулардын кадыры канчалык болсо, атпай кыргыз баласы үчүн, айталы, «ат» жаныбардын аброю ошончолук. Башкача айтканда, кыргыз үчүн ат дүйнөлүк координаттын ролун аткарат»[13]. Демек мына ушул шартта ошол кыргыз баласы үчүн улуттун символу болгон жылкыга кайрылышы, болгондо да аны анималисттик образ катары, эки замандын медиатору катары карашы мыйзамченемдүү көрүнүш экен.

Ушул жерде дүйнөлүк мифология – кыргыз этнопедагогикасы – «Эрте келген турналар» деген бир кызыктуу байланышты, өтмө-катыштык мамилени кылдат байкайбыз.

Эчен кылым биз менен кошуна жашаган кытай элинде алардын астротөлгөөлөрүнө байланыштуу мындай уламыш айтылат: Асман падышачылыгында Нефрит ээлигинде канаттуу аттар болгон. Алар асманда учуп, сууда сүзүп, кургак жерде кайкып жүрүшкөн. Ушундай артыкчылыгы үчүнбү жылкы башка жаныбарларга салыштырганда боюн көтөрүп, аларды өзүнө теңсинчү эмес экен. Бир жолу ага чыгыш деңизинин Ажыдаарлар падышасына кабар жеткирүү милдети жүктөлөт. Сарай дарабазасынан атты падышага киргизбей коет, ошондо ачуусу келген ал ал кароолчулардын бирин өлтүрүп салат. Бул кылыгы үчүн каарданган Нефрит өкүмдары аттын канатын кесип, өзүн ташка бастырып таштайт. Ошентип ал эки жүз жыл азап чегет. Бир жолу жанынан эң алгач жаратылган адам өтүп баратканын көрүп калат да, ага жалдырайт: бүт өмүрүмдү сага кызмат кылууга арнайын, сен мени бул азаптан куткар дейт. Адам баласы атка боор ооруп, сыйкыр менен жылкыны бошотуп алат. Кишинин бул жакшылыгы үчүн ат адамга кул болот: жерин айдайт, жүгүн ташыйт, урушка кирет. Кийин төлгөө белгилерин түзүп атканда адамдар Нефрит падышасына алардын катарына атты кошкун дегенде, падыша кыйыктанбай дароо макул болуп, жылкыны жыл бышына киргизет[14].

Ат дүйнөнүн бир катар элдеринде жашоонун жана өлүмдүн символу катары каралат. Аны менен интеллект, акыл, эс, жарык, кыймылдуу күч, ойдун тездиги, мезгилдин учкулдугу берилет. Ат менен шамал жана мухит толкундары символдоштурулат. Буддизмде ат – талкаланбас, жоголбос нерсе, жаратылыштын жабык көрүнүшү. Будда жатак жайын ак ат минип таштап кетет. Канаттуу же Космикалык ат «Булут» Авалокитешвардын же ГуаньИнянын образына өтөт. Кытай мифологиясында ат – көк, от, ян, юг, ылдамдык, таяныч, жакшылык белгиси. Ат – жети символ жаныбардын бири. Анын туягы оомат алып келет. Индуизмде ат – кеме-дене, чабарман – анын руху. Шаман салттары боюнча кара ат бул дүйнөдөн башка дүйнөгө өтүүнүн белгиси. Сибирь жана Алтай элдеринде анын териси жана башы ритуалдык мааниге ээ. Даосизмде ат – Чанг Куонун атрибуту, ал болсо сегиз өлбөс даос акылмандарынын бири[15].

Жылкы көп элдерде Күндүн жана талаанын символу. Ак ат сакстардын жана Ганновер королдор үйүнүн эмблемасы болсо, байыркы славяндарда ал өлүм менен пейилдин оңолушунун белгиси эле. Троя аты жаман ниеттүү белектин белгисин туюнтат. Ислам дининде ат бакыт жана байлык катары каралат. 1596-жылга таандык кытайлардын «Materia medica» деген эмгегинде жылкыларды кандай багуу керектиги айтылат да, анын жашын тишине карап аныктоонун жолдорун көрсөтүшөт. Бул азыркы кыргыздардын саяпкерлик, сынчылык өнөрү менен дал келип турат[16].

Славян мифологиясында да жылкынын өзүнчө орду бар. Аларда да атты адамдын канатына салыштырат. Орус элдик педагогикасында «Не пахарь, не столяр, не кузнец, не плотник, а первый на селе работник!» деген сөз дайыма айтылып келет. Аларда сергек, ыкчам адамга карата «Ходит конь конем!» деген макал колдонулуп, «Счастье на коне, бессчастье под конем», «Конь не выдаст — и смерть не возьмет!» деген ырымдар эл ичинде ушуга чейин кызмат кылды. Байыркы Руста мындай табырка-жоромолдор айтылганын этнопедагогдор белгилешет: «Ржет конь — к добру, топает — к дороге, втягивает ноздрями воздух дорожный — дом близко, фыркает в пути — к доброй встрече (или к дождю)». «Споткнется конь при выезде со двора — лучше воротиться назад, чтобы не вышло какого-нибудь худа; распряжется дорогой — быть беде неминучей». «Хомут, снятый с потной лошади, является у баб – знахарок лечебным средством: надеть его на болящего лихорадкой человека — всю хворь как рукой снимет». Алар чакадагы ат ичкенден калган суу оорулуу адамды айыктырат, ага жуунса адамды ар кандай балакеттерден сактайт деп ишенишкен. Ушундай жамандыктардан сактоочу күчү бар деп короолорунун тегерек четине жылкынын баш сөөгүн илип коюшкан[17].

Демек, кыргыз элинин жылкыга карата мамилесин бул элди дүйнөлүк мифологиялык контексттен ажыратпай кароону талап кылат. Алардан айрымаланып, көп элдерде атка мамиле эпикалык-мифологиялык доор менен гана бүтүп, ат түшүнүгүнө мифтик кейипкер, ыйык жаныбар катары кароо жомок, эскинин саркындысы сыяктуу туюнтулса, кыргыздарда мындай түшүнүк күнү бүгүнкүгө чейин кандайдыр бир деңгээлде сакталып, эл арасында жашап, жаштарды тарбиялоого кызмат кылып келет. Бул өзүнчө уникалдуу көрүнүш. Анын бир мисалы «Эрте келген повестиндеги» чагылдырылышы болду.

Кыргыз жана жалпы түрк элдеринде атты минүү, багуу гана эмес, аны таптоо, саяпкерлик кылуу да чоң тарбия болгон. Бийлик башчылары өз сарайларына кеңешчи, ырчы, аскер кармагандай эле ат таптаган саяпкерлерди, куш таптаган саятчыларды кармаган, кастарлаган. Атты кантип асыроо керек, кантип таптоо керек деген маселе ар бир көчмөн калктын эркегинин башындагы ой болсо, күлүктөрдү атайын белгилүү саяпкерлер табына келтирген.

Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде да ошол саяпкердик өнөр сырын Чекиш чал балдар менен бөлүшөт: «…камсоо болуп калды, күндө тер агызып, денин чыйралтып тургула деди, болбосо муунунда каруу жок немелер кошко салганда кара терин төгүп, калтырап калат». Чекиш чалдын бул сөзү балдар үчүн анчейин айтылган бир насаат, же аларга багышталган ыйман сабагы эмес, мында байыркы замандан келаткан ат жана адам философиясынын эң терең байланышы, ат жана адам педагогикасы, ата-бала, улуу-кичүү муундардын аздектеп өткөрүп берер аруу сабагы жатат. Саяпкер өзү таптаган атты баарынын өйдө койгон, андай бир атын жүз, миң атка алмаштырбаган, бийлик кылыч алдында көзүн оюп жатса да атка карата чындыгынан кайтпаган Толубай сыяктуу каармандарды жаратып, аларды идеал туткан, күлүк ат үчүн согуштар чыккан. Калктын улуу муунунун урпактарга айтар сөзү ушуларда болгон.

Ошентип, кайрадан «Эрте келген турналарга» келели. Балдар бир топ күндүк даярдыктан соң Аксайга кош айдоого кетерде Тыналиев башкарма эң биринчи ишти балдарды сыноодон – «экзамен» алуудан баштайт, алар канчалык билим-тарбия алып, жакында болуучу чоң ишке канчалык жарамдуу экенин текшерип көргүсү келет. Бул куду эле байыркы этикалык эрежелер боюнча жоого аттанар жоокерлерди тизип алып, алардын атын, жоо кийимин текшерип чыккандай. «Аксай десантчыларын» – «беш чорону» да улуу киши – башкарма өзү текшерип, анан Эргештен кемчилик табат. Ырас, анын кемчилдиги ат асыроого байланыштуу. Муну Эргештин өзүнө айтып койсо, же өзү оңдоп берсе дале болмок, Тыналиев антпейт, балдардын баары көрсүн, алар да бул кемчиликти экинчи кайталабасын, ошол эле кезде Эргеш көпчүлүктүн алдында өз кенемтесин сезсин дейт. Бул өзүнчө чоң тарбиялык маани. Адегенде башкарма балдарга: «– Кана, ат жабдыгыңардан кемчилик тапкылачы?» деген суроо коет. Суроонун дал ушундай коюлушу, балдардын психологиясына аябагандай катуу таасир этет. Анын үстүнө бул суроону фронттон келген, балдардын баары биз ушундай болсок деп идеал туткан, кадыр-барктуу, көптү билип, көптү көргөн киши айтып жатыр. Ошентип беш жигит башкарманын суроосунун айланасында баш катырып, жооп издеп кирет. Бул тарбиялык мүнөттөр кызыгуусу өзгөчө күч алып турган, жетилүү кезеги жеткен балдар үчүн бир башкача таасирдүү болот. Жанагы Тыналиев айткан кемчилдик кайсыл экен деп «баары жабыла карап чыгышты, кармалап текшерип чыгышты». Бул атайын тапшырма балдардын таанып-билүүсүн өстүрүү жана акыл-эсин, эске тутуусун калыптоо үчүн жасалып жатат. Тыналиевдин турмуштан чыккан проблемалык суроосу балдар үчүн оор болуп калды, балдар «эчтеме табышпады». Анан буга жооп берүү үчүн башкарма кайра көп жылдык тажрыйбасын, аталардан калган мурас-салтын, этникалык эржелерин ортого салат, бул турмуш жолуна жаңыдан кадам койгон балдарга үйрөтүү үчүн эчен жылдан бери элдик педагогикадагы парз да, карыз да экенин ар бир улуу муундагы кишилер түшүнгөн жазылбаган мыйзам эле. Балдар жооп бере албаган соң, эми кезек «этнопедагог» «агайга» келди:

«Ошондо Тыналиев башкарма өзү көрсөттү:

– Бул эмне? Мобу торунун басмайылы бооруна толгонуп калганын көргөн жоксуңарбы? Мына, карагыла! Ишке салганда толгонгон басмайыл аттын капталын жоорута өйкөп калбайт бекен. Аны ат байкуш кантип айтат? Шапалактын арты менен тартып жүрө берет, а эртеси капталы шишип чыгат да, кошко жарабай калат». Мына ушинтип ат жалында өскөн элдер гана балдарына насаат сөздөрүн айткан, алардын салттык тарбиялык традициялары ушундай этикалык эрежелерге негизделген.

Кыргыз элдик педагогикасынын таалими боюнча балдар «…төрт түлүк малды асыроого 10-12 жашынан билим жагынан да, практикалык жагынан да даяр болуп калыптанган. Уул балдар 14-17 жашында жылкычынын, сакманчынын, чабандын милдеттерин кадыресе өз алдынча аткарууга жетишкен»[18].

Тыналиевдин атка мамиле кылуу боюнча таалими муну менен эле бүтпөйт, иштен кийин ат жабдыктарын жаткан жерге, жамгыр, суу тийбеген үчүн алачыктын ичине коюу керек дейт, себеби, биринчиден, кайыштын баары эзилип суу болбойт; экинчиден, ат жыбдыктары, атам замандардан бери эле мал артында же жоо артында жүргөн кыргыз баласы үчүн жаздык катары да кызмат кылган. Башкарма улуу катары кылымдардан кылымдарга келе жаткан ошол традицияны эске салып, кийинки муунга өткөрүп берүүчү рухий көпүрөнүн милдетин аткарууда. Кала берсе анчалык дале маанилүү эместей көрүнгөн ушул нерсе, улуулардын айтуунда башкача маани-маңызга ээ болуп чыга келет, Тыналиевдин айтуусунда ат жабдыктары – балдардын куралдары, балдардын идеалы болсо – жоокерлер, а жоокер эң алды менен куралын сактоого тийиш. Кала берсе ушул ишке көзөмөл кылуу жагын балдардын улуусу Султанмуратка тапшырышы да бул салттын канчалык маанилүү экендигин айгинелеп берет.

«Эрте келген турналар» повести инсан катары калыптануу процессин башынан өткөрөр кезде ошол өспүрүмдөрдү атайын бир кыйын тагдырларга туш келтирип, оор учурга алып келип алып, ошолор аркылуу сыноого алган чыгарма сыяктанат. Муну адабиятчы В.Новиков повестте эки алыстык, эки ажыроочулук (удаление) бар деп айтып, анын биринчиси, окуя сүрөттөлгөн кыргыз айылынын өзүнүн согуш майданынан миң чакырымдай алыстыгы десе; экинчиси, ошол алыскы айылдан дагы бир топ балдарды ажыратып бөлүп алып, аларды Аксайга «десант» кылып алып барып ташташы дейт. Ошол экинчи алыстатып-ажыратуу жазуучуга маселеге крупный план менен (дүрбүнүн принцибинде) үңүлүүгө шарт түзөт да, ошол «кичи жерде», убактылуу туракта адилеттүүлүк менен караөзгөйлүктүн кармашын, өспүрүмдөрдүн ыймандык улуулугун сынап алат[19].

Деги эле Айтматов сүрөткер-ыйманчы катары каармандарын элден бөлүп алып кароону көп колдонот. «Асма көпүрөдөгүлөр» алыскы тоо суусунун боюндагы гидрометрологдордун жалгыз үйүндө, «Бетме беттегилер» түңкү жалгыз тамда жарыгын өчүрүп жана эшик-терезесин жаап алып, анан дагы тоодогу ээн үңкүрдө айылдан алыста, «Делбиримдегилер» ак кар баскан ашууда жана жолчулардын тамында, «Биринчи мугалимдегилер» болсо айылдан обочодогу дөңсөөдө, «Жамийладагылар» станцияга кеткен ээн жолдо, «Гүлсарат» менен «Кыяматтагылар» жалгыз жарым үй жашаган жайлоолордо, «Фудзиямадагы кадыр түндөгү» классташтар «чоң дүйнөдөн» обочодогу бийик дөңсөөдө, «Ак кемедегилер» токой арасындагы, болгону үч үй жашаган кардондо, «Кылым карытар бир күндөгүлөр» эрме чөлдүн ортосундагы ээн талаадагы станцияда, «Көздөн учкан көк жээктегилер» адамдардан алыскы бир жерде – мухиттин ичиндеги кичинекей кайыкта өздөрүнүн ким экендиктери тууралуу «экзамен» беришет. Жазуучу аларды атайын ошол элден алыстатып алуу менен алардын ички дүйнөсүнө хирургдук скальпелин салып, ошол тинтүүр менен «кана сен кимсиң, бизге өзүң тууралуу эмне айтып бересең» деген маселени кабыргасынан коюп, ошолорун айттырып чыгат. А ошол айттырууда сүрөткөр аларды кылымдарга кызмат кылып, адамдарды сактап келаткан таалим-тарбия салттарынын тегирменине салып ийип, элдик педагогиканын элегинен да өткөрүп көрөт.

Деги эле ээн жерге жиберип эр жеткен баланы сындан өткөрүү, анын канчалык турмушка даяр болгонун көрүпбилүү кыргыз этносунун байыртан келаткан салттарынан. «Манас» дастанында Манасты бала жаш чагынын хан атасы өзүнөн ыраакка – Ошпур деген койчуга берип жетилдирет. Ошпур баланы үңкүрдө кырк чилтендердин колдоосунда өстүрөт. Ошпурду Ош шаары менен байланыштырган көз караштар да бар. Ушуга чейин Ош шаарын башкачараак – Ошпирим деп атаган адамдар кездешет, Ошпур – Ошпирим деген тыбыштык окшоштуктар да бул версиянын ынанымдуулугуна салым кошот. Эгер ошондой болсо бала Манасты Алтайдан Алатоого жиберип, жетилдиргенби дейсиң… Манастын уулу Семетей да таятасынын журтунда калыптанат.

Алгачкы аңчылыкка чыкканда да балдарды карт мергендер атайын коно жаткырышкан, же өздөрүнчө жапжылгыз тосотко коюшкан, салбуурунга чыгарышкан. Мунун өзү адамдын Атажуртун сагынып, кусаланып өсүүсүнө шарт түзөт да, алардын өз жерине карата атуулдук мээрими күчтүү болот, «башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол» дейт. Демек, В. Новиков жакшы көрө алган ажыроо бул кыргыз салтынан өнүп чыккан, традициядан келаткан нерсе, адамды мекенчил кылып тарбиялоонун эффективдүү методикасы.

Мына ушул бөлүнгөн жердеги балдардын тагдырына мурдатан даярдалып келе жаткан кыйынчылык акыры келип жетет. Кошчуларга кар жаап кирет. Табийгат запкысына тушуккан балдар эми андан кантип чыгар экен, булардын буга чейинки алган тажрыйбалары, мектептик жана элдик тарбиялары ушул кыйынчылыктарды жеңип чыгып кетүүдө жардам бере алабы деген суроолор окурман алдына тикесинен коюлат. Кыйын кырдаал, эң оор күндө балдар жөлөк кылар, сөз айтар, пикирлешер жакындарын асмандан, адамдардан эмес, аттардан издеп, аттардан тапканы өзүнчө бир кызык жагдай. Повесттин каарманы Султанмурат ошондой тагдыр чечер убакта, бала болуп башына келген эң оор шартта оюнда аттары менен сүйлөшүп, аларга жалынат-жалбарат:

«Чыдагыла, Камбар-Атанын тукуму, чымыркангыла! Бул оорчулук күн сайын баса бермекпи. Бүгүн кар жааса, эртең күн жаадырар. Чү, жаныбарым, чү, алгалагыла! Чыдагыла, жаныбарларым, айдоонун аягы тигине, аз калды. Аерден кайрылабыз да, кайра башын көздөй тартабыз. Чыдагыла, басаңдабагыла. Коштон чыгара албайм силерди, акым жок. Ошол үчүн силерди кышы менен бакканбыз. Башка арга жок. Кара жер басканга жумшак, айдаганга катуу, силерге кыйын болду, билем, бирок оңой мандалак жок, жон терибиз акпай нан жок… Ушундай боло келген, түбөлүк боло бермек», – дейт Чекиш чал. Ар сындырым нан адам терине жуурулган, бирок аны нан жегендин баары биле бербейт. Бизге нан абдан керек. Аябай керек. Ошол үчүн силер менен Аксайда жер тилип жүрөбүз.

Чабдарым, дили тууган, жаны жолдош жаныбарым, дың басып өзүң барасың. Тартканың соко, мингизгениң мен. Жаныңа батыра камчы чапсам кечир. Айла кеткендеги иш да, таарынба, Чабдар.

Карткүрөңдөй каржайган Чоңтору, сен оң жагымда бороз малтап барасың. Чабдардан кийинки күчтүү сенсиң, ошол үчүн айдоо жакка кошком, ошол үчүн айдоо малтап, соко тартып, сага башкалардан оор болуп барат. Сени атам мактачу. Эсиңдеби? Атам менен шаарга барганыбыз эсиңдеби?.. Атаман көптөн бери кат жок, корком, аны силер кайдан билмек элеңер. Согуштагы адамдан кабар кечиксе, коркосуң. Апам сары санаадан биротоло куурап бүттү. Анатайдын атасын угузганда эле ичинен катуу муңканып ыйлагандар апам менен Иңкамал-апай болду. Экөө бир балээни билгендей, бир балээни туйгандай… бирок айтышпайт. Чү, жаныбарым Чоңтору, чү! Демиңен кайтпа, кыйынчылыкка алдырба! Умтул, Чоңтору! Чыда, жаныбарым!».

Андан башка каарман-командир ушундай эле өтүнүчкайрылуу менен Чалкуйрукка, Карагерге ички бугун айтып отурат.

Султанмураттын аттарга кайрылуусундагы анын аларды Камбар-Атанын тукумдары деп өзгөчө мамиле кылышы көңүл бурууга арзыйт. Жазуучу Кеңеш Жусупов: «Кыргыз элинде байыртадан макал сөз келет: «Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт». Эл аны Теңирчилик доорунан бери айтып келген. Ал пирлер өздөрүнөн мурда адамдын өмүрүн, амандыгын, сырткы коркунучтан, балээден күрөш менен коргойт деген», – деп, эл арасында жүздөй пирлер болгонун айтып келип, өзү 54 нерсенин пирин санап берет. Алардын ичинен жаныбарлардын төмөнкүдөй пирлерин көрсөтөт: малдын пири – Малабай, кийиктики – Ак байбиче (Кайберен), жыландыкы – Шаймерден, уйдуку – Заңги Баба (Заңги Ата, Yзөңгү Баба), топоздуку – Ак Мүйүз, чычкандыкы – Чие Ата, иттин пири – Кумайык, койдуку – Чолпон-Ата, жылкыныкы – Камбар Ата, төөнүкү – Ойсул Ата, эчкиники – Шыйпаң Ата (Чычаң Ата), алгыр куштардыкы – Алп кара куш (Буудайык, Чегир баян), күлүктүкү – Дулдул (Желмаян), курттуку – Кара Чаян, чегирткеники – Черте Баян, кумурсканыкы – Кумпа Баян, суурдуку – Солтон Мерген .

Демек, дал ушул кыйын кырдаалда баланын улуу муундагыларчылап жылкыга кайрылганда, кайрылууну анын пиринен, колдоочусунан башташы элдик тарбияда чоңойгон бала үчүн табигый көрүнүш сыяктуу сезилет. Атка адам сыяктуу «жаныбарым» деп мамиле кылуунун өзүнө чоң маани сыйдырылган.

Султанмурат Чабдар атына карап, «дили тууган, жаны жолдош жаныбарым» деп кайрылып, «жаныңа батыра камчы чапсам кечир» деп кечирим сурап атканы ошондон башат алып турбайбы. Европалыктардын Париждин, же Румдун, болбосо Москванын зоопаркына барып алып, минип турган аты менен Султанмуратча сүйлөшкөнүн элестетип көрүңүз. Айбанаттар менен «сүйлөшүү» түрк элдеринин фольклорундагы эң кеңири тараган ыкмалардан. Кыргыз дастандары «Манас» жана «Эр Төштүк» эпосторундагы Төштүктүн аты Чалкуйрук, башкырлардын «Заятулак жана Хыухылу» элдик жомокторундагы Заятулактын аты Хыухылу, башкырлардын «Кара жоргосундагы» тулпар, калмактардын «Жангар» эпосундагы Аранзал жана Оңоло, казактардын «Кобланды баатырындагы» Тайбурыл, тувалыктардын «Бокту Кириш жана Бора Шээлей» чыгармасындагы Аян кула, ошол эле элдин «Алдай Буучу» эпосундагы тулпар да ушундай адамдар менен кадимкидей сүйлөшөт, коркунучтун алдын ала айтат, каарман жол таппай калганда алар туңгуюктан алып чыгат.

Ушуга окшогон салттуу фольклордук мотивдер XX кылымдын жигити Султанмураттын сөөгүнө сиңип калгандай аттарын тулпар элестетип, аларды адам сыяктуу кабыл алып, эң аялуу сөздөрүн, эч кимге айтпаган атасы тууралуу, сүйгөнү тууралуу ойлорун төгүп айтып кирет.

Повесттеги дагы бир көңүл коюучу жагдай жазуучу кошко чегилер аттарды кыргыз эпосторундагы аттар менен байланыштыргандыгы дедик. Султанмураттын Чабдары «Манас» эпосундагы Кошойдун Чабдары менен байланышып жаткан жокпу? «Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Кошойдун окуясы» эпизодунан Чабдар аттын укмуштуу образын жолуктурабыз.

Кошой Билерикти бошоткону кетип бара жатканда аяр кызга жолугушу, андагы жомоктук сюжет жана Чабдар аттын Чынар терекке келиши, бир жүз сексен баатырды жутуп койгону, элдик кеңири масштабга тараган эпикалык мотивдеринен ажыдаардай болуп баарын жутуп койгон тулпардын кулагынан кармап алып, дөө Кошойдун зордугу. Башынан алты жолу айландырып туруп жерге бир урганда Чабдар аттын ичи жарылып, анын ичинен баягы жутуп койгон жүз сексен баатырдын жоо-жарагы менен чыга келгени. Чабдардын образы эпостун архаикалык катмарынан орун алган образ»[20].

Султанмурат кыйрылып аткан дагы бир ат – Чалкуйрук. Эпосто бул ат «адамдан эстүү жаныбар», «ач айкырык, туу болсо, асман жарган чуу болсо, чындап кырсык урбаса, балаа курчап турбаса, мингенин жоого алдырбайт», «басканынан чаң чыккан, дүбүртүнөн жан чыккан», «жээрен кууса секиртпей», «кырк кулак казан алууга, сууга кирген».

Айбандан эстүү жаныбар, Кыл куйруктун асылы.

Суу түбүндө казанды

Намыз алып тиштеген,

Бул намызын алганда,

Ай туяк деп сабылган,

Сени алгыча мени алсын, Деп ошондо Эр Төштүк,

Канатым деп жалынган[21].

Мына ушул эпикалык тулпар аттын бир үлгүсү, ошол баатырдын мифологиялык-архаикалык жаныбарынын бир тукуму Султанмураттын алдында кош тартып баратат, ага Султанмурат «тууганымдай болуп калдың», «чымыркана тарт», «талыба», «кыйыктанба», «уят кылба» деп куду жер-ааламды чарк айланып чыккан эпикалык баатыр Эр Төштүк Чалкуйрук аты менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөт. Бул бир чети романтикалык курактагы баланын кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү менен байланышат. Экинчиден, эпостук доорду баштан кечирип, эпикалык булактан суу ичкен баланын гана айта турган сөзү, ойлогон ою. Кыргыз фольклорунун таасиринде чоңойгон бала аттарды башкарып бараткан башка балдарга – өз командасына кайрылбайт, алардын жетегиндеги аттарга айтар сөзүн айтат, дей турганын жашырбай деп алат.

«Карткүрөңдөй каржайган Чоңтору» деп үчүнчү бир атты дал эле «Манастагы» Ажыбай минген Карткүрөң ат менен көркөм параллель коет. Ал ат эпикалык дастанда С.Каралаевдин сүрөттөөсүндө «шамалдай чуркап түйүлгөн», «кыл куйругун чубаган, кырк күнчүлүк чөл болсо, кыйын мүшкүл жер болсо, мына ошого чыдаган», «айгай укса шашпаган», «бир изин ката баспаган», «алыска минсе арыбайт, алтымыш асый болгуча, азуу жалап карыбайт», «желгенине жел жетпейт, басканына мал жетпейт», «Карткүрөң менен Ажыбай төгөрөктүн төрт бурчун төрт айлана кыдырган» элдик ишенимдеги өзгөчө бир тулпар ат.

Чыгарманын финалында да уурулар дал ушул аттарга кол салып атпайбы. Алар үчүн аттын ыйыктыгы жок, жөн гана согумга жараса болду, эки элиден кем казы чыкпайт деп ойлошот. Буларга саткынчылык кылган ашпозчу кемпир мындай жылкыларды бир кезде ашка сойгонго корстон болуп, «кырк кулач казан толтура эт салып, кайнаганда зардебин чөмүчтөп сузуп алганын», «жылкынын зардеби кеселманга табылбас дары» экенин айтып болбойт. Атка мамиле – адамдарды экиге – оңго жана терске, жакшыга жана жаманга бөлүп салып атпайбы.

Дал ошол уурулар жана аларга сатылган ашпозчу кемпир колдуу болуп, аттар жоголгондо ууруларды кууп жөнөгөн эпизоддо «симфониядагы мисалдай туруп эле карама-каршы нота ойноп», «жарык кульминациялык момент» «трагедия тарапка шарт ооп», «чоң жарыкчылык дүйнө менен караниеттиктин ааламы» (В.Новиков) бет келип, элдик адепте, кыргыз фольклорунун таасиринде өскөн баланы сыноо аянтчасы башталат. Ал жерде – трагедиялык ситуацияда, адамды сынап көрүүнүн эң оор кырдаалында адам жана ат калат. Башатынан жыйып келген ыймандык күч-кудуретин эми чыгарар кез келгенде ошол адамдын жансырдашы да, колдоочусу да аты Чабдар болуп чыга келет. «Алга, Чабдарым, алга, жан бирге жаныбарым! Кууп жет ууруларды! Мен жыгылбайм, мен өлбөйм, менден коркпо, өзүңө кубат берсин! Чурка, жаныбарым! Өлсөк бир өлөбүз, ылдамыраак, ылдамыраак, Чабдар! Түн караңгы, мен көрө албайм, сен көрөсүң, тайманбай жаныңды үрө, аянбай күрпөң-күрпөң кулач кер, жаныбарым! Ушунча алыстап кетиштиби? Алды жактан бирдеме караңдайбы? Дүпүйгөн караан жылып бараткансыйбы? Каерге жетишти экен? Колдон чыгарып жибербесек экен. Алгала, Чабдарым, алгала!.. Мүдүрүлбө, сүрдүкпө, эки көзүң экөөбүзгө шам болсун, жаныбарым!». Мына ушинтип бараткан баланын атка мамилеси бир башка. Куду «Манастагы» Аккула минген эл баатырындай:

Басып өткөн кара жер, Кол арык болуп жоюлган. Туягы туура тийген жер, Кемер болуп оюлган.

Араандай оозу ачылган. Кан аралаш ак көбүк, Омуроого чачылган.

Таамай жолго бет алса,

Таманы жерде тарсылдап,

Кара болот ооздук,

Көмөкөйдө карсылдап,

Кагышкан жоого бет алса,

Тизгин жулкуп, баш чайкап,

Учуучудай баштаган,

Кап тоосундай чоң Манас,

Катуу чуркап булкунса,

Учуп кете таштаган [22], –абалда барат. Ал эми караңгыда капылеттен кол салган уурулардын атка мамилеси да тарбия-таалим көрбөгөн, ата тарбиясын билбеген кишилердей: «аттарды сабап», «башка-көзгө чапкылап» жөнөшөт. Акыры алар Чабдарды атып салат. Бул терең педагогикалык-символикалык маани камтылган финал. Уурулар жеке атты – Чабдарды гана аткан жок, алар улуттук салтты, улуттук мурасты, фольклорду, «Манасты», этнопедагогиканы «атты». Кара күчтөр кылымдан келаткан жарыкты бууп салды. Рухий дайраны ылайкалап, таза дүйнөнү канга жууду. Г.Гачев айткандай: «бул жерде ат адамдардын абийир-ыйманын билүүнүн эчнерсеге алмашкыс таразасы»[23]  катары кызмат аткарды. Повесттин этикалык проблемаларды көтөрүп, аны оор кырдаалда, согуштук шартта өзүнүн атуулдук милдетин туура түшүнгөн Султанмурат жана анын досторунун – өспүрүм курактагылардын айланасына алып келиши да Ч.Айтматовдун гуманисттик күчүн бийикке көтөрүп турат.

[1] Гачев Г. Национальные образы мира: Центральная Азия. – М.: Издательский сервис, 2002. – 448-б.

[2] Волков Г.Н. Этнопедагогика. 2-е изд. – М.: ACADEMA, 2000. – 42-б.

[3] Айтматов Ч. Балалыгым. – Стамбул: 2003:-11-б.

[4] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б.: «Сорос-Кыргызстан», 1999. – 562-б.

[5] Гачев Г. Национальные образы мира: Центральная Азия. – М.: Издательский сервис, 2002. – 668-б.

[6] Гачев Г. Национальные образы мира: Центральная Азия. – М.: Издательский сервис, 2002. – 552-б.

[7] Орозобекова Ж. «Манас» эпосундагы тулпарлардын көркөм образдары. – Б.: «Кыргызстан-Сорос» фонду, 1997. – 20-б.

[8] Орозобекова Ж. «Манас» эпосундагы тулпарлардын көркөм образдары. – Б.: «Кыргызстан-Сорос» фонду, 1997. – 20-б.

[9] Гачев Г. Национальные образы мира. – М.: Советский писатель, 1988. – 67-б.

[10] Пюрвеев Д.В. Летящие кони солнечных дорог. Китепте: Искусство стран Востока. Р.С.Васильевскийдин редакциясы астында. – М.: Просвещение, 1986. – 62-б.

[11] Абдыракунов Т. Бабалардан калган сөз. – Ф.: Адабият, 1990.- 154-169-б.

[12] Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби.

– Б.: Педагогика, 2000. – 152, 158-б.

[13] Ибраимов К. Морфологиялык архаика жана азыркы адабияттагы «адам – табият» концепциясы. – Ф.:Илим, 1991. – 44-45-б.

[14] http://astrocom.makemoneysteps.com/astrology/chinese/ personal/ind

[15] http://www.ernaterra.com/1-2.htm. Нэцкэ из красного камня

[16] http://www.symbols.pochta.ru/animal/kon.html. Конь

[17] http://www.pagan.ru/k/konx1. Словарь славянской мифологии

[18] Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. – Б.: 2001. – 13-б.

[19] Новиков В. Движение истории – движение литературы. – М.: Советский писатель, 1979. – 447-б.

[20] Жусупов К. Байыркы кыргыздардын тарыхына жана рухий маданиятына ой чабыт. Китепте: Кыргыздар: 5-китеп, түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: Учкун, 2002. – 375-376-б.

[21] Орозобекова Ж.К. «Манас» эпосундагы тулпарлардын көркөм образдары. – Б.: «Кыргызстан-Сорос» фонду, 1997. – 29-б.

[22] Каралаев С. Тулпарлар. 4-бас., – Б.: Шам, 1995. – 50-б.

[23] Гачев Г. О национальных картинах мира //Народы Азии и Африки. 1967, №1. – 85-б.

 

III.2. Кыргыздардын ат культу жана Танабай Гүлсарат мамилесинин таалим-тарбиялык жагдайлары

Ат менен бирге өсүп, бирге жатып, бирге турган, кээде бүтүндөй өмүр-тагдырын ат үстүндө өткөргөн кыргыз баласынын улуттук тарбиясында ал жаныбардын өзгөчө орду бар. Кыргыз тарыхын терең изилдеген Б.Солтоноев күлүк аттарга байланыштуу бир катар фактыларды келтирет:

  • Казак Эр Эшимдин Шарпкуласы (1626-жылдарда);
  • Сарбагыш кыргызы Темирдин 1730-40-жылдар чамасында калмактан ала качкан күлүк аты;
  • Бугудан папа насилинен 1760-70-жылында болгон

Садык баатырдын кырк мачкери;

  • Солто Шапактын Көкчологу (1780-90-жылдар);
  • Атакенин Керкулун (бир кабарда Ноктолуу тору);
  • Солтодон Бекинин Каражазыл (1830-40-жылдар);
  • Сарбагыштан Төрөгелдинин Аккызыл (1935-50-жылдар);
  • Бугуда Балбайдын Сурайгыр.

Кийинки заманда 1885-жылында Эсенкул элинен Шадыкан Токтомат уулу деген киши күзүндө Мияр Кызыл жоргосун минип, эртең менен Токмоктон чыгып, Боом менен жүрүп, Кубакылап, Кочкор басып, Жоон артыктап, Долонду ашып, Нарынды басып, Шаркыратма ашып, күн батарда Атбашынын калаасына барган. Бул жүрүш жогорудагы айтылгандардын жүрүшүнө караганда оюнчук болуп, алар азында 350-400 чакырым жолду күнүн баскан. Ат аткан октой деп атак берген. Бир ат үчүн кыздан, катындан кечкен, бир ат үчүн эки эл бузулуп, кан төгүлгөн. Атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйгө кийирип кишен салып баккан. Жолоочу жүрүп бара жатып ат үстүндө тамак ичкен, уктаган[1].

Мына ошол ат адамдарды тарбиялоо үчүн кызмат кылган. Кыргыз жигиттерине байыртадан келаткан аттардын ушундай тарыхын, уламыштарын, ар кандай окуяларын айткан.

«Гүлсаратта» Танабай да ошондой тарбияда өсүп, кыргыз менен жаны бир болуп калган жылкыга өзүнүн жанын кошту. Гүлсары менен Танабай кан-жаны бир макулукка айланды. Адам жылкыны «жаныбарым» деп турат.

«Жаныбар» дегенди профессор М.Борбугулов «имеющий душу» деп которуп, а түгүл бир макаласынын темасын ошентип атаган[2][3]. Мүнөзү ыкчам калыптануу процессиндеги, таанып-билүүсү улам өсүп аткан, согуштун таасиринен эрте жетилген өспүрүмдүн жылкы баласына «жаныбар» деген уңгу сөзгө «ым» мүчөсүнүн кошуп айтышы накта улуттук көрүнүш. Г.Гачев айткандай субстанция – субъект Гегель-немец үчүн адамдын модели Дарак болсо, көчмөн – кыргыз үчүн киши бейнеси кентавр сымал ат минип турган адам[4].

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы ар кыл ассоциацияларды талдап көрсөткөн Г.Гачевдин: «Элдин түшүнүгүндө, ат ааламдын үстүңкү бөлүгүнө таандык («Аш – адамдын кубаты, ат – адамдын канаты»). Калган жаныбарлардын баары жерге ыкташып, жерге боор тартышат. Ат гана ар дайым бет алдына жана ай-ааламга көз тигет, жал-куйругун канат кылып, жердин тартуу күчүн жеңип өтүп, көккө көтөрүлөт. Аны менен бирге асмандап адам да учат. Ат алып-учуп бараткан адамдын көөдөнү – көктө, көкүрөгү – асманда, өрөпкүгөн көңүлү – өйдөдө, андай кезде адам жердеги опосуз дүйнөнүн баардык түйшүк тирилигин унутат. Элдик ырларда ат ар дайым ай, күн, асман, жылдыздар менен чогуу жана катарлаш… Ал адамдын атрибуту жана ат аркылуу адам асман менен танапташ»[5], – деген пикирин келтирип, кыргыз адабиятчысы К.Ибраимов минтип жазат: «Байыркы көчмөн уруулардын чарбалык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу өтө зор болгону маалым. Ошо себептүү алар атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын баалашкан, күлүктүгүнө там беришкен. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан. Байыркы монгол-түрк урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө асман – карапайым көр пенделер жашаган кара жерден айырмалуу духтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир сфера. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен теңирге теңештирилген. А теңирди болсо түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, көкө теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Ошентип, ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк аттуу күндүн» символдору болушкан тулпарлардын образдары алардын искусствосунда аябагандай популярдуу экендиги да мына ошондон келип чыккан. Ыйык асман атынын жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбордук Азияда биздин заманга чейинки миңинчи жылга жуук пайда боло баштап, биздин заманга чейинки V-VIII кылымдарда алар Саян-Алтайдын тоолуу жерлери менен Монголиянын мейкин талааларынан тартып Скиф-Сак дүйнөсүнүн күн батыштагы чегине чейинки көз жетпеген аймакта кеңири таралган…

…Айбанаттардын арасынан жылкыны өзгөчө кастарлаган көчмөн элдин кереметтүү жомоктору менен баатырдык эпосторунда ат «жакшылыкта да, жамандыкта да эр адамдын жан жолдошу, талыбас канаты» катары сүрөттөлгөн. Кыргыз, казак эпосторундагы тулпарлардын ар дайым ээсине жөлөк-таяныч болуп, адамча сүйлөп турушу аларды архаикалык мифологиядагы айбанат тотемдер менен колдоочуларга жакындаштырат. Бирок аттардын образындагы андай мифологиялык мотивдер эпосто баатырдык пафоско баш ийдирилген. Жалпылап айтканда, эпосто ат кылык-жоругу боюнча да, салт-санаасы боюнча да адамга тең катар коюлган»[6].

Кыргыздар үчүн ат – адамдын канаты, анын жаншериги, эл турмушунун бардык кыйынчылык көтөргөн көлүк деген менен гана чектелсек, биз анын коомдук, рухий турмуштагы ордун чектеп койгон болобуз, анын орду алда канча тереңге кетет. Кыргыздар үчүн аралык, ылдамдык, убакыт деген түшүнүк да, Батыш философиясы айтып жүргөн мезгил жана мейкиндик категориясы да ат менен теңдештирилген. Элдик практикада километр, метр, саат, сутка деген түшүнүк жок кезде «бир ат чабым жер», «ат менен бир апталык жол», «ат секиртер аң», «Шырдакбектин жоргосундай жүрсөңүз сарт бешимде барып каласыз», «күлүктөй сызды», «аттай секирди», «ат бастырып келди», «жоргодой жүрүү» деген түшүнүктөр аркылуу мезгил-мейкиндик ойлорун туюнткан. Макалылакаптарда «ат» деген сөз «адам» дегенге ассоциация түзүп, экөө бирдей эле маани берип калган учурлар оголе көп; «ат айланып казыгын табат» дегенде жылкы баласын түшүнбөй түз эле адам баласын түшүнөбүз. Оорудан таза айыккан кишини «аттай соо» дешет.

Улуттук каада-салтта ат ал гана эмес товар жүгүртүү, баа бычуу функциясын да аткарган: кылмышкерлердин куну ат менен өлчөнгөн, кыз себине ат кошкон, жерди да атка айрыбаштаган ж.б. 2005-жылдагы 24-март революциясында Борбордук аянтта турган эле ат чаап келген адамды көрүп Акүйгө чабуулга өттү. Дал ушул кыргыз революциясынын түйүндүү жерин «Euronews» тартып алып, бүт ааламга атчан кыргызды таратты. Бул бекер эмес, кыргыздын символу ат экендигинин дүйнөлүк таанылышы.

Б.Солтоноев атка байланыштуу төмөнкүдөй макалдар болгонун жазып кеткен: «желдей болуп жүргөндөн жылкы болгон», «ат, аттан соң жат», «айгыры ала болсо, кулуну кула болот», «кулун сындуу ат, бала жыттуу кыз болсо», «карып калган катындан эрөөлгө чыгар эр туубас, карып калган бээден кайкуулга минер ат туубас», «киши аты терчил, киши кийими кирчил», «ат ээси менен, баш мээси менен», «күлүк ат чапса – күлүк, сатса – пул», «ат сүрүнбөй жер тааныбайт, эр сүрүнбөй эл тааныбайт», «атка бербес кунан бар, кызга бербес жубан бар», «жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы», «атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны», «акыр заман аттан ажыраган жерде», «ат – адамдын канаты», «таяк тайга жеткирет, таба атка жеткирет, ат муратка жеткирет», «ат башына күн тууса, ооздук менен суу ичет», «айгырды кандай салсаң, айгырды ошондой минерсиң», «ат баспайм деген жерин үч басат», «жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт», «аты жоктун буту жок», «элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос», «ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас», «ат сүйлөшкөнчө, айбан кишинешкенче», «жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта», «байге аты каралаш», «азууларын аркайткан ат башына күн тубар, муруттарын шыйпайткан эр башына күн тубар», «атты арыганда көр, эрди карыганда көр»[7].

Улуттук салтта таалим-тарбиялоо процессин ишке ашырууда макал-ылакаптар канчалык чоң күчкө ээ экендигин эске алсак, анда ушундай накыл кептер менен эчен муундар тарбия алып келгендигин, алардын нускасы айтматовдук каармандарга да жуккандыгын аңдап көрөбүз. Мына Гүлсаратты жазуучу кандай сүрөттөгөнүн окуп көрөлү: «Гүлсары жоргосун жазбай безилдейт, курбуларынын арасында сары жылдыз болуп учат», «Yйүрдү беттеп, Гүлсары куйруктуу сары жылдыздай агылып учат», «… айдын жарыгына кашкасы кашкайып келди», «жоргонун жылдызы жаркырап жанар», ««учкан жылдыздын куйругундай» ж.б.

Жылдыз менен жоргону салыштыруу – бул элге жакын эки нерсени – Көктөгү ыйык нерсени жердеги ыйык нерсе менен жакындатууга болгон аракет. Байгеде Гүлсарат «…көз ирмемге асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыды», «белден ылдый апай бетте жылдыз болуп агып учту». Көкбөрүдө болсо Гүлсарат: «…батып бараткан күндү көздөй түз салды», «кайып болчудай кетип барат», «кайкып учкан куштай», «Адамдар тартып алган ырахатты арылдаган жорголугу менен кууп жетчүдөй тизгин бошоп, эрк өзүнө тийгенде жебедей шукшурулуп бөжүп берет. Сары жылдыз болуп шуулдап учат» ж.б.

Жылкыны Күн менен, Көк менен, Жылдыз менен, Асман менен Жердин ортосундагы нерсе менен ассоциациялануу кыргыздар үчүн гана мүнөздүү нерсе болуп, мына ушул табият – адам – жылкы үчөөнүн биримдиги, ошол биримдиктин таалим-тарбиялык мааниси жазуучу тарабынан таамай кармалып турат.

Казак этнографы Ахмет Токтобай «Культ коня у казахов» деген эмгегинде жана ага филология илимдеринин доктору Едиге Турсуновдун жазган рецензиясында[8] казактарда аялдардын толгоосу өтө оор болгон учурда кандайдыр бир кара күчтөр ошол аялдын үстүнө кирбесин деп боз үйдүн жанына күчтүү аргымактарды байлап койгондугун, атты чаап жүргөн камчы менен бакшылар ооруларды денеден кууп чыгыш үчүн дарттуу кишини ургулаганын, кулундун алты айдан бир жылга чейинки учурунда алдыңкы тиши чыккан кезде, ошол тишин жулуп алып балдарга бергенин, жылкыларга эн салып кулагын кескенде кесиндини кумурсканын уясына таштаганын, муну менен малы кумурскадай көп болот деген ишенимде болгонун жазат. Ушуга окшогон педагогикалык салттар кыргыздар арасында да кеңири тараган. Эркек балага тушоо той бергенде азыркы күнгө чейин тай бергендиги, тайга мингизгендиги анын келечекте ат менен күн көрүүгө кам көргөндүк, өмүрүң ат жалында өтсүн деп жакшы тилек тилегендик болуп эсептелет.

Ааламдын кайсыл гана элинде болбосун адам башына кырсык түшкөндө кимге кайрылат, эмнеге медер кылып, жардам сурайт? Албетте, эң жакын адамына: энесине, атасына, бир туугандарына, кудайга. «Гүлсарат» повестинде караңгы түндө чаба жааган жамгырда калган Танабай Аллага (1), арбакка (2), анан минген атына (3) жалынат. Гүлсары да үстүндөгү аманат ээсинин ошол абалын түшүнөт да, аны кыйынчылыктан алып чыгат.

Кадимки адам сыяктуу Гүлсары ыйлайт, ыр угат, кубанат, кайгырат.

Түрк элдеринин фольклорун, этнографиясын, жылкы илимин изилдөөчүлөр бул элдерде ат – адамдын канаты, ат – адамдын жашоосунун эң зарыл атрибуту, а түгүл жоокер өлсө аты ыйлап турарын, ээсин көрүстөнгө койгондо атын кошо көмөрүн жазышат. «Манастын» эң талылуу жери, Чоң казаттын чыгыш себеби кыргыздардын Мааникер атын душмандын талап кылып жатканында эмеспи, ошондо аны бербей жоокерлер согушка даярданып, анын биринчи этабы катары октой учар аттарды тандай баштайт. Трилогиянын экинчи бөлүмү «Семетейде» бүт дастанды кошоктоп «Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени – Семетейдин ажалынын жеткени» деген макал ээрчип жүрөт. Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокердин образына поэтикалык боек сүрткөндө акын Алыкул Осмонов «Неге сен алыс кеткен сапарыңдан, ээриң жок жайдакталып кайра келдиң» деп ээри жок аттын жайдак келүүсүн, б.а. байыркы кыргыз салтын соңку учурга – ат минбей танк «минип» жоого кирген учурга алып келет. Этномаданий түшүнүктө «…кыргыз эли ат менен адамдын ажырымын анча айырмалабайт. Ата баласын «кулунум», «тайым» деп эркелетет, атадан калган баласын «тулпардан калган туягым», «ат токурум» деп айтат»[9].

Кыргыздар байыркы мезгилде «төлгөнү адамга эле салбай, атка да салышкан.

Жылкы-жылкы жылкыдыр,

Жылкы эрдин мүлкүдүр  Эрдин аты эрге тең.

«Ат – адамдын канаты», «Ат, аттан кийин жат», «Атың барда адамсың, атың жокто кадамсың», «Ат ээси менен, баш мээси менен». Атты башка чаппай пир туткан. Оорулуу, жин кармаган адамдын дартын бакшы-балчылар жаныбарлардын ичинен бир гана жылкынын баш сөөгүнө көчүрүп, эл баспаган жерге көмгөн. Жылкынын өтү жок, ошон үчүн анын эти да, сүтү да бөлөкчө касиеттүү. Кымызы көптөгөн дарыга эм. Кымызды жерге төксө үйдөн ырыс качат. Тукуму үзүлбөш үчүн колдон кетип жаткан жылкынын шилекейин алып калат. Кээ бир элдер жылкынын этин жебегени «согуш маалында жалына адам каны көп төгүлгөн» дешет[10].

Ат – кыргыздын айрым урууларынын генеологиялык жактан пайда болушу, жашап турушу менен байланыштырылат. Кыргыздар аттын өзү гана эмес, анын башы, каны, кылы да магиялык күчкө ээ экендиги айтышкан.

С.М.Абрамзон дөөлөс уруусунун тарыхына байланыштуу мындай бир уламышты келтирет: «1953-жылы Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын этнографиялык отряды иштеген учурда бизге бул уруу тобунун Ысыккөл боюна кандай шартта пайда болгону жөнүндө маекти жазып алууга мүмкүн болду. Султан Кыдыралиевдин сөзүнө караганда (65 жашта, Аңөстөн айылы, Жетиөгүз району) Кызыл уулдун уулу – Кыпчак, Кыпчактын уулу – Дөөлөс, Дөөлөстүн уулу Толуман болгон. Толумандын тогуз уулу, бир кызы бар экен. Күндөрдүн биринде калмактын ханы Толумандан сулуу кызыңды, аны менен кошо атактуу Торайгырыңды бересиң деп талап кылат. Бул айгырды бардык жылкылардын ээси – колдоочусу (Камбарата) деп эсептешчү. Торайгыр жылкыларды илдеттен, айрыкча маңка оорусунан коргоп турган, ошондуктан Толумандын жылкысы көп болгон.

Толуман хандын талабын аткарып, кызын Торайгырга мингизип жөнөтүп жиберет. Кызы менен атынан айрылгандан кийин Толумандын жылкылары илдеттен өлүп, өзү кедейленип калат. Ошондо ага Торайгырдын жалынан жок дегенде бир талын алып келүүгө кеңеш беришет. Эки жылдан кийин Толуман өзүнүн кенже уулу Чулум кашканы кызына жиберет. Күндөрдүн биринде ал Торайгырдын көкүлүнөн бир нече кыл кесип алып, андан нокто өрүп коет. Ушундан кийин Толумандын жылкыларында өлүм-житим токтойт. Калмактын ханы бул жөнүндө билип калып, баланы кармап келүүгө буйрук берет, бирок ал качып Ысыккөлгө келет. Бул жерде ал үйлөнөт. Көл боюнда жашаган дөөлөстөр анын тукумдары деп эсептелинет.

Ошондон тартып, дөөлөстөрдө кызын күйөөгө бергенде аны тору атка мингизбөө, сепке кошуп тору жылкы бербөө салт болуп калган»[11].

Дагы бир уламыш Жаңыноокат районундагы Толоман айлынан Ашым Досматовдон жазылып алынган: «Калчабай кедей болгон экен. Күндөрдүн биринде Калчабай жаандан кийин көк желени көргүсү келип, дөңгө чыкса, дөңдө жаңы эле туулган кулун турат, жанында эч кандай аттын изи жок. Калчабай үйүнө келип, бир койду садага чаап, мууздап кудайы өткөрөт. Ушундан кийин ал баягы дөңсөөгө дагы келсе жанында тогуз бээ бар Торукашка айгыр турганын көрөт. Калчабай дагы кудайы берип, баягы дөңгө келсе көп жылкы жүрөт. Соорусунда ай тамгасы бар, маңдайы кашка Торукашка көп сандаган жылкынын алдында баштап жүрөт. Калчабай ушундайча бай болуп калган экен.

Калчабайдын жалгыз кызы болгон экен. Ага коңшу саруу уруусунан бирөө куда түшөт. Бирок кызы күйөөгө чыга турган атактуу адам кызың Торукашканы минип келсин деген талап коет. Калчабай айгырды берүүгө аргасыз болот. Ушундан кийин анын жылкылары ылаңдап өлүп, адамдары да апаат боло баштайт. Калчабай кандай да болсо Торукашканы кайрадан алууга аракеттенсе да эч нерсе чыкпайт. Акыры анын тапшыруусу боюнча бир киши айгырды өлтүрүп, анын башын кесип алып, Калчабайга алып келип берет. Ошондон тартып Калчабайдын иши оңоло баштайт.

Торукашканы жылкылардын ээси-колдоочусу (Камбарата же Жылкынын камбары) деп эсептешкен. Калчабайдын уруусуна жакын уруктардын бардыгы (додон, кенжетукум, дүкөн) Торукашка Калчабайдын колунда экенде эле жылкыларын Торукашканын тукумунан өстүрүшкөн. Ошондон тартып, дөөлөстөрдүн бул тобу ай тамга аталып калган[12].

Ысыккөлдөгү жана Ноокаттагы бөлүнүп калган дөөлөстөрдүн түпкү генетикалык байланышы бар бул эки уламышта дээрлик бир уруу адамдардын тагдыр-тарыхында жылкынын ролу өзгөчө чоң экендиги көрсөтүлөт. Жылкы үчүн кызын алышат; жылкы кетсе, байлык кетет; жылкы кетсе, калган жылкыларын ылаң басат; жылкы кетсе, мал өлөт; жылкы кетсе, ырыс кетет; ат кетсе, кут кетет; ат кетсе, жут келет ж.б. Акыры бир уруунун тагдыры чечилерде бир вариантта жылкынын жалын, экинчи вариантта башын уурдап келип, өз турмуштарын кайрадан нормалдаштырат. Бул жерде эки уламышта тең тору жылкылар кадимки жаныбар, адам колундагы мал деңгээлинен өйдө көтөрүлүп, культ деңгээлине, бир уруунун башатына, пирине айланып калганын көрөбүз.

Гүлсарынын акыркы мүнөттөрү: «Танабай эңкейип жоргосунун муздаган кабагын укалап, көзүн жапты, көкүлүнөн бир тал кесип алып, коюнуна катты, анан жүгөндү алды да, жолуна түштү»[13]. Эмне мынчалык аздектегендей Гүлсары адамбы? Жок, ал адам эмес, бирок адам менен биригип калган, анча-мынча адамдардан өйдө турган кишичил жандык, жок жандык эмес – адам. Гачев айткандай кентавр, жарымы адам, жарымы ат. Ошондо Танабай повесттин акыркы бөлүмүндө чекит коюларда, Гүлсаратты тиги дүйнөгө узаткан соң мындай ойлонот: «Гүлсары жоргодой болуп мен да бир күнү ач бел, куу жондо үзүлөрмүн»[14]. Бул салыштыруу, бул окшотуу адам – ат биримдигинин биртоло канга сиңип калганын, чыгарманын тулкусуна кирип кеткенин көрсөтүүчү адабийэстетикалык көрүнүш.

«Кийин Гүлсары ыр ыргагын жазбай сезчү болду, ар түркүн ыр укту: шаңдуусун да, узунун да, кыскасын да, сөзү бар, сөзү жогун да угуп жүрдү»[15].

Мына ушул жерден кыргыздардын улуттук фольклор аркылуу адамдарды гана эмес жаныбарларды да рухий жана денелик жактан тазалап келген салты менен кайрадан кездешебиз. Элдик дарымчылар ооруп жаткан тишти ушундай ыкма менен айыктырса, өз сөздөрү менен жылан, каракурт чаккан кишилерге да таасир этип, аларды өлүмдөн алып калган учур болгон. Бул магиялык, фольклордук таасирлер кадимкидей жаныбарларга да колдонулгон, мисалы, жылкычылардын «Бекбекей», «Шырылдаң» деген ырлары. Жазуучу жогорудагы Гүлсарат уккан ырлар дегенде биринчи кезекте ушуларды эске алып жатат. Табият менен коюн-колтук жашаган жайлоодогу адамдар кадимкидей ыр менен карышкырларды кууган, ээн жердеги жылкыларга өз ырлары, обону аркылуу жанында адам бар экендигин, адам аларга баш-көз болуп жаткандыгын айтып турган. Ушундай эриш-аркак жашоо адамга, өзгөчө жаштарга берилген тарбия болуп, аларды жаныбарларга жакын кылган. Элдик фольклордун жан-жаныбарларга кайрылган, аларды адам сыяктуу эле элестеткен чыгармалар, алардын ичинде каада-салт ырлары өтө көптүгү да биздин улуттун географиялык-этнографиялык жашоо спецификасы менен түшүндүрүлөт. Ч.Айтматов эл турмушундагы ошол жагдайды бир гана саптар менен Гүлсараттын тагдырына байланыштуу сиңдирип кетет. Адам ошондой ыр угуп, дилин рухий жактан тазалаган сыяктуу эле Гүлсарат да өзүн өзү ыр аркалуу аруулап тургандай ойду окурман дилине билгизбей орнотуп кетет. «Танабай жоргого өзүнөн башка бирөөнү мингизбеди»[16], – деп жазуу менен жазуучу Танабайдын жаман адамдар атка ээ болууга да акысы жок экендигин көрсөтүү менен жылкы культун бекемдеген. Мисалы, ислам дини кыргыздарга таасири күчтүү болгон Түштүк райондордо белгилүү жорго аттарга, күлүктөргө минердин алдында адамдар тазаланып, даарат алышкан.

Ушундай тарбиялык салттар, атка мамиле башкаларга жуксун, элдик салт катары жашоосун улантсын үчүн Танабай бүт аракетин жумшап, ачык күрөшкө, керек болсо курал (айры) алып чыгат.

[1] Кыргыздар: түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 10 томдук. 1-т., – Б.: 2004. -269-б.

[2] Борбугулов М. Жаныбар – имеющий душу // Лит. газета.

[3] , 6-нояб.

[4]  Гачев Г. Чингиз Айтматов и мировая литература. – Ф.:Кыргызстан, 1982. – 173-б.

[5] Гачев Г. О национальных картинах мира //Народы Азии и Африки. 1967, №1, 87-88-б.)

[6] Ибраимов К. Адабият, адам жана дүйнө. – Ф.:Кыргызстан, 1986. – 25-26-б.

[7] Кыргыздар: түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 10 томдук. 1-т., – Б.: 2004. – 269-270-б.

[8] Турсунов Е. О тулпарах, аргымаках и просто конях // Известия Казакстан. 2006, 12-янв.

[9] Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. – Б.: 2001. – 13-б.

[10] А.Байбосуновдун «Донаучные представления кыргызов о природе» деген китептен которуп баскан «Асылзат» газетасы. – 2003, №6.

[11] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б.: «Сорос-Кыргызстан», 1999. – 769-б.

[12] Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б.: «Сорос-Кыргызстан», 1999. – 770-б.

[13] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, – Б.: Шам, 1999. – 263-б.

[14] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, – Б.: Шам, 1999. – 264-б.

[15] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, – Б.: Шам, 1999. – 117-б.

[16] Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-том, – Б.: Шам, 1999. – 127-б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу