Томдук

Кыргыздар 21-Том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев, Сулайман Рысбаев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

21-ТОМ

Кыргыз нарктары

Түзгөндөр:  Кеңеш ЖУСУПОВ,  Каныбек ИМАНАЛИЕВ,  Сулайман РЫСБАЕВ

Томдуктан профессорлор С. Байгазиев менен С. Рысбаевдин кыргыз жан дүйнөсүн ээлеген моралдык этикалык баалуулуктары менен нарктуу дөөлөттөрү, ошондой эле улуттук  нарктуу түшүнүктөрү тууралуу эмгектери орун алды. Аталган эмгектерде элибиздин нарк-насили, каада-салт жана үрп-адат деген өзөктүү түшүнүктөрүндөгү руханий идеологиябыздын түбөлүктүү багыттары чагылдырылган.

 

СОВЕТБЕК  БАЙГАЗИЕВ

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Кылымдарды аралап, кыргызды кыргыз кылып сактап келген руханий-адептик улуу нарктар – муундар тарбиясынын соолгус кенчи

Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгы Улуттук нарктарыбызды аныктоого, изилдөөгө жана жайылтууга жаңы дем, күч берди.

Кыргыз эли Евразия континентиндеги байыркы элдердин бири. Ак калпак калк түн-тегинин байыркылыгы менен гана эмес, өзүнүн кылымдардын кыйырларында түзгөн этикасы, этнографиясы, этнопедагогикасы, этномаданияты, жашаган мекенинин ажайып жаратылышы менен да айырмаланат. Ала-Тообуз поэзиянын мекени деп аталат. Акындарга, төкмөлөргө, манасчыларга бай Кыргызстандай өлкө дүйнөнүн кайсы жеринде бар? Обологон обондорубузду, ажайып күүлөрүбүздү айт. Кыргыздар ойногон Ордо оюну, «Тогуз коргоол», «Кыз куумай», «Көк бөрү»,  «Жорго салдыруу», «Бүркүт салуу» ж.б. сыяктуу спорт оюндары өзүнүн улуттук кайталангыстыгы, кол өнөрчүлөрүбүз жасаган азем буюмдар, ак боз үйлөр, керемет шырдактар, ала кийиздер өзүнүн көз жоосун алган кооздугу жана этноколорити менен чет өлкөлүк меймандарды суктандарып келет. Боз үй, комуз, кымыз өзүнчө бир кайталангыс үчилтик.

Эң негизгиси, илгертен бери карай кыргыздын жан дүйнөсү адамгерчиликтүү, руханияты гумандуу, меймандос экендигинде.

Тарыхтын узак, татаал, кыйын-кезең жолдорунда, кылымдардын кыйырларында азап-тозокту, ачуу-таттууну, өйдө-төмөндү көп көрүп, бактылуу күндөрдү да, трагедияларды да башынан өткөрүп, («Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырың барбы кыргыз сөөгү жатпаган»), турмуш «тегирменинен» ийленип өтүп, ак калпак калк бу жашоого, адамга, жамаатка, табиятка аёолуу мамиле жасап калган. «Торгойдун жумурткасын көрсөң жарбай жүр, убал болот» – дейт баласына кыргыз. Бозүйдүн түндүгүнө  уя салып, балапан баскан чабалекейдин «үйү» бузулуп калат деп бозүйүн чечпей, жайлоого көчпөй, жакада калган да кыргыз. «Таш менен урганды аш менен ур», деп жамандыкты жакшылык менен жеңген да, өтүп бараткан чоочун жолоочуну «Кудайы конок» кылып, кой союп, үйүнө кондуруп, сыйлаган да кыргыз. Кыргыз жазында айдоого тукум сээп жатканда: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу – жетим-жесирге, мунусу алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчытилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага» деп үрөнүн чачып, пейилинин кенендигин, рухунун жоомарттыгын айгинелейт. Элдик рухту алып жүргөн кыргыздын акылман Асан Кайгысы: «Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен»,– деп жан-жаныбарлардын тагдырын ойлоп абыгер чегип турбайбы. Ошону менен бирге эле, катаал сыноолордо, жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда кайраттуу, баатыр жоокер боло билген да, катылгандын катыгын берген да кыргыз. «Биздин элди сурасаң, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, балбандар менен билектеш, бөтөнчө журт олуя, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган» – дейт шер Манас. Тээ илгертен достук сезимин кастарлап, көптөгөн майда этносторду бооруна кысып, канатынын алдына калкалап журт кылып, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей келген да ак калпак эл эмеспи.

Кыскасын айтканда, кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында бу жакырчылыкта адам болуп, атуул, жаран болуп жашоого жол көрсөткөн моралдыкэтикалык дөөлөттөрдүн, адептик-ыймандык нарктардын бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Ушул жерден бир акылмандын айтканы эске түшөт. «Чоң аталардын жана чоң энелердин моралы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган. Тарыхый тажрыйба адам пендесинин турмушунда жаңылыкка караганда, ар дайым кайталанып, кайра келип турган түбөлүктүү, түптүү нерселер көбүрөөк экенин күбөлөп турат. Мына ошондуктан, жаңылыктардын артынан кубалайм деп олтуруп, кылымдап калыптанган «ак чач» нормаларды, эрежелерди унутуу опурталдуу экенин эскерткибиз келет», – деген терең ою эске түшөт. Кыргыз элинин идеялык-рухий өзөктүү, уңгулуу кенчтери чынында эле, күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багышталган.

Ата-бабалар мурастаган баалуулуктарыбыздын карыбастыгы, ал нарктардын адам баласынын социалдык турмушундагы дайымкы моралдык  мыйзамченемдүүлүктөрдү аркалап тургандыгында. Анан да ал нарктардын жанагындай тарыхтын бороондуу жолдорунда жашоо үчүн болгон күрөштө топтолгон элдик тажрыйбадан жуурулуп жаралып, калкыбыздын «канында», жүрөк-жүлүнүндө жашап калгандыгында.

Чынында, калкыбыздын наркындагы эл эркиндигин, ата журт боштондугун эң жогорку ыйык дөөлөт катары тутунган идеялык салт, ушул салтты туу тутун, элинин көз карандысыздыгы, бак-таалайы үчүн каруусун казык, башын токмок кылган Манас Ата баш болгон жүздөгөн, миңдеген патриот уул-кыздарыбыздын мекенчилдиги, калдайган калк алдындагы, мекен алдындагы парздан, убада-шерттен тайбаган атуулдук жоопкерчилик, сөз менен иштин төптүгү, эмгекчилдик, мээнеткечтик, ар-намыстуулук, адамгерчилик, айкөлдүк, жоомарттык, меймандостук, боорукерлик, адилеттүүлүк, калыстык, канатташ калктарга кучагын жайган достук, улут биримдиги, жарандык ынтымак, жаратылыш менен болгон шайкештик, ата-энени улук жана ыйык катары ардактоо, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, бири-бирине кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара жардамдашуу, каралашуу, жамандык-жакшылыкта кол кармашуу сыяктуу жамаатчылдык (коллективизм), жамандыкты жакшылык менен жеңүү («таш менен урганды аш менен ур»), барга топук, азга сабыр кылуу, топуктуулук, каниеттүүлүк, материалдык байлыктан рухий байлыкты жогору коюу, өнөр-билимди барктоо, ата-бабалардын арбагын аздектөө, тарыхый эстутумду урматтоо, эл-жерди сүйүү, махабат, ыймандуулук, «кыздын кырк чачы улук» деп аялзатын сыйлоо оңдүү баалуулуктар кантип түбөлүктүү эмес, кантип өлбөс-өчпөс болбосун жана кантип эскирсин?

Мындай адеп-ахлактын тарыхы өйдөтө айтылгандай, тереңге кетет. Бери жагы, кечээ эле 19-кылымда кыргыз жамаатында адеп-ахлактын ал-жайы кандай болгондугун 1855-жылы туулган айтылуу Талып Молдо минтип жазган: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузуктук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбегени. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат (Талып Молдо. Кордолгон заманда. «Ала Тоо», 11,127-бет.). Нравалардын ушундай абалын көрүп туруп, Калыгул менен Арстанбек учурунда кыргыздын кызынын уяттуу, уулунун урматтуу, келини келбеттүү, кемпири барктуу, карыясы нарктуу экенин ырга салышкан турбайбы. Дегеле, Чыгыштагы түркүн империялардын курамында жашаган, өзү да империя, каганат түзгөн (IX кылым), темир, алтын кендерин иштеткен, шаар, чептерди курган. Гундардын аскеринин курамында Европага чейин жеткен, жер бетиндеги ар кандай тарыхый тепкичтерде турган цивилизациялардын, калктардын турмуш образдарына күбө болуп, көп нерселерге көзү ачылган, көчмөн феодализмде узак жашап, бай тажрыйбага, кең акыл-эске, структурасы кыйла татаал ойломго эгедер журт болуп кыргыз калыптанган. Ошондон улам кыргыз «Манастай» поэзия океанын жараткан бай тилге ээ. Ошондуктан кыргыздардын түзгөн, жараткан акылман макал-лакаптары турмуштун миң кырлуу, миң түрлүү сырларын өз кучагына камтып, адамдын акылын айран калтырып турат. Жогорудагы саналып өткөн адепахлак нарктары улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык да мааниге ээ жана бул баалуулуктар дүйнөлүк ар кандай моралдык документтердин негизине алынууга татыктуу дээр элек. Байыркы кыргыз эли ислам Борбордук Азияга келип жеткенге чейин эле аталган адеп-ахлак нарктары менен өмүр кечирип келген жана бул нравалык дөөлөттөр эл-журтубуздун реалдуу турмуштук этикасында жашап, «Манас» баш болгон классикалык көркөм мурастарыбызга сиңирилип, тарыхыбызга тамга болуп басылып, тарыхый улуу инсандарыбыздын өрнөктүү жүрүм-турумунун мотивин аныктап келген жана соңку капиталисттик-рыноктук цивилизациянын бүлүндүрүүчү терс таасирлерине карабастан азыр да элдик турмуштун катмарларында көрөңгөсү соолубай «жүрөк кагып» турат.

Мына ушинтип, корутундулап айтканда, кыргыз эли өзүнүн узак жана бай тарыхында калктын, жамааттын, инсандын жашоо тиричилигинин түп пайдубалында жата турган адеп-ахлак уңгуларын, моралдык-философиялык жоболорду, этикалык эрежелерди иштеп чыккан. Жогоруда сөз болуп өткөн эреже-жоболор кыргыз калкынын жаны, адеп-ахлагынын архетиптери, субстанциясы, өзөкнегизи. Тарыхтын бороон-чапкындуу татаал жолунда кыргызды ушул уңгулуу дөөлөттөр сактаган. Ата-бабалардын адеп-ахлагынын  ички регулятору болуп келген ушул идеялык, рухий ыймандык нарктар улуу Манас Атанын кан тамырында агып, көөдөнүндө жүрөк болуп согуп турган. Биз бөлөктөрдү тууроочу же көчүрмөчү калк эмеспиз. Кыргыз элинин кылымдарды аралап келе жаткан өзүнүн салттык түптүү, каны-жаны менен бирге бүткөн нарк-кенчтери бар. Ошол нарк-кенчтер, кыргыз элинин өмүр-жашоосунун негизин, пайдубалын кечээ да түзгөн, бүгүн да, эртең да түзүүгө тийиш. (колуңуздардагы бул китепте ошол нарктар, баалуулуктар жөнүндө мындан ары мисалдар менен кеңирирээк сөз болот). Бирок анын алдында төмөндөгүдөй көйгөйлөр жана алдыда турган милдеттер тууралуу айтпай коюуга болбойт.

Тилекке каршы, рыноктук-капиталисттик заманда өлкөбүз  экономикалык да, моралдык да кризиске туш болуп, бул аз келгенсип массалык маданияттын экспансиясы күч алып, жогорудагыдай Ала-Тоону Ала-Тоо, кыргызды кыргыз кылып турган асыл нарктарыбыз акырындап астыртан бүлүнүүгө учурай баштады. Абалтан келе жаткан ак жаркын адеп-ахлагыбызды, элдик баалуулуктарыбызды үгүттөгөн идеологиябыздын жоктугунан  жаштарыбыз улуттук коломтодон оолактап, Калыгул олуя менен Арстанбек айткандай, «Келинден келбет, уулдан урмат, кыздан уят кетип, муундарыбыз китеп», окуудан калып, рухубуз жакырлана баштагандыгы чындык. Фактыларга кайрылалы.

Изилдөөлөр бүгүнкү өспүрүмдөрдүн кечээки ата-бабаларындай өз өлкөсү жөнүндө эмес, көбүнчө өз керт башынын маселелери жөнүндө ойлонуп, турмушка коммерциялык, прагматикалык мамиле тарабына, материалдык кызыкчылык жагына ооп баратышкандыгын ачыкка чыгарууда. Социологиялык изилдөөлөрдүн далилдеринен мисал келтирели. Маселен,  балдар бүгүн моминтип ойлонушат:

«Мен шаардын сыртында дем ала турган үйлүү болууну каалар элем.

Мен үч кабаттуу жеке үйлүү болууну каалар элем.

Мен миллион акчалуу болууну каалайм.

Мен BMW машиналуу болууну каалайм.

Мен төрт кабаттуу үйлүү болууну жана дүйнөдөгү эң бай адам болууну каалайм.

Мен бизнесмен болууну каалайт элем, себеби мен жакшы жашоо, «крутой» болуу жана шаарда, өлкөдө

«авторитет» болуу үчүн көп акча табууну каалайт элем». (Караңыз: Кыргызстандын окуучуларынын үмүттөрү жана кооптонуулары. – «Кутбилим», 13.12.2013). Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, азыркы балдардын арасында маданий-руханий, адептик-ыймандык, атуулдукпатриоттук багытта ой жүгүрткөндөр негедир аз. Ырас, бирин-экин окуучу «Мен эски кыргыздын ырларын кайрадан жаратууну каалайм», «Мен президент болуп, өлкөмдү бай өлкө кылгым келет» – дешип жооп беришкен. Балдардын тилеги жакшы, бирок өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен «акча», «пайда», «бийлик-байлык», «жеке атак-даңк» сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат. Балдардын дүйнөсүндөгү мындай тенденция адеп-ыйман, руханият тарбиясынын кызыкчылыгынан караганда, кооптонууну жаратпай койбойт.

Дагы бир санаага салган тенденция жөнүндө кеп кылалы. Жаштарыбызда өздөрүнүн тагдырын бир тууган мекени, Ата-Журту менен бекем байланышта карабаган тенденция өсүп бара жатат. 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын бардык жети областында социологиялык изилдөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында «мекенчилдик» акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3%). Жаштар өз өлкөсүнүн рухий мурастарын үйрөнүү жагынан да пассивдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ошол эле социологиялык изилдөө жаштардын, мисалы «Манас» эпосун айрым үзүндүлөр түрүндө гана үсүл-кесил билерлигин аныктаган (Романов Б., Исаев К., Сыргабаев С. Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси – Бишкек, 2012, 47-бет).

Борбор шаардын мектептеринде жана алыскы айылдарда жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор бүгүнкү балдардын бир даарынын мектепти бүткөндөн кийин Россияга, Астанага жана батыштагы бай өлкөлөргө кетүүнү каалашкандыгын маалымдап отурат. Айтмакчы, кыздарыбыз Ата-журтун таштап, массалык түрдө чет өлкөлөргө турмушка чыгып кетип жатышат. Караңыздарчы, улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2011-жылдын ичинде эле кыргызстандык 911 кыз чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан. Анын ичинен АКШга 35, Германияга 13, Түркияга 66, Казакстанга 53, Россияга 355, Өзбекстанга 53, Тажикстанга 31, Кытайга 19, Түштүк Кореяга 151, Түндүк Кореяга 43 бийкеч күйөөгө чыккан.  Бул расмий катталганы гана. А катталбаганы канча. Улуттук генофондубуз, демографиялык келечегибиз кандай болот?

Бул жагдайдан улам, кененирээк ой чуркатып көрөлүчү. Жалпы эле бүгүнкү  дүйнөдө, ааламда рынок, соодасатык системасынын үстөмдүгүнүн шартында эл, мекен, журт кызыкчылыгы деген чоң түшүнүктөр урматталбай, ыйман, уят, абийир аттуу ыйык нерселер тебеленип, материалдык байлыктын культу өсүп, үлүлчөсүнөн «кабыгынын» ичине кирип кеткен өзүмчүл, индивидуалист жандар көбөйүп, акчага, алтынга, көрдүнүйөгө жүгүнүү күчөөдө. Америкалык илимпоз Кольберг «Турмушка өзүмчүлдүк, пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык, технократиялык мамиле Европа менен Америкада өзүнчө бир улуттук ооруга айлангандыгын» тынчсызданып жазат. Цивилизациянын мындай терс илдеттеринин белгилери биздин Кыргызстанда да пайда болду.

Ырасында эле, бүгүн дүйнөлүк постиндустриалдык өлкөлөрдө баягы илгеркидей эмоцияга, агыл-төгүл ак жаркын сезимдерге, мээримге жана сүйүүгө негизделген адамкерчиликтүү, гумандуу айкөл адеп-ахлактын берекеси кеттиби? Освальд Шпенглер бир кезде «Закат Европы» деп, батыш маданиятынын кризиси жөнүндө бекеринен китеп жазбаган белем. Андай болсо, кыргызстандын жаш муундары жанагы Кольберг какшап айтып жаткан, Европа бүгүн тушугуп турган коммерциялык-прагматикалык технократиялык-индивидуалисттик деп аталган социалдык көйгөйлөрдү кайталоочу жазмышты карай бет алып турабы? Тоолук муундарга ушундай перспектива керекпи? Эгерде коколой баштын кызыкчылыгын туу туткан, турмушка пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык мамиле мындан ары карай күч алып жүрүп отурса, анда бара, бара кыргыз баласынын ичинде караандай кургак рационализм гана калып, акыры жан дүйнө куу чегедектей куурап, адамдан адам жоголуп, рухий маданиятыбыздын түркүктөрү урап түшүшү мүмкүн. Техникалашкан, рационалдашкан, коммерциялашкан батыштын тажрыйбасы бизге улуттун, муундун руханий, адептик-ыймандык  саламатчылыгы жөнүндө эмитен олуттуу ойлонууну, экономикалык, материалдык-техникалык пайдубалды түптөп жатып, рухани-моралдык пайдубалды да кошо түптөөнүн: бул эки башталманын тизгинин таалим-тарбияда ажыратпай бирдей алып жүрүүнүн зарылдыгын каңкуулап айтып турбайбы.

Ушуга удаа бир нерсени айта кетели. XX кылымдын аягында Япониянын окумуштуулары 40-50 жылдан кийин Япония мамлекетине япон жаштары тарабынан коркунуч туулат деп Өкмөткө маалымат беришиптир. Анткени изилдөөлөр соңку муундардын самурай рухунан улам алыстап, акчаны, ойноп-күлүүнү, жыргалды, саякатты, жеке кызыкчылыкты  алдыңкы планга коё баштагандыгын көрсөткөн. Окумуштуулардын билдирүүлөрүнөн кийин Япон өкмөтү жаштарды патриоттук духта тарбиялоону күчөтүү жөнүндө атайын токтом кабыл алган. Руханий баалуулуктар ориентациясынан ажыраган, маданияттан оолактаган, пайда чыккан жердин кулу, күн тийген жердин күкүгү болгон  дүнүйөкор, эгоист жаштар Кыргызстандын да болочогу үчүн кооптуу. Кыргыз мамлекети жаш муундарын өзү көздөгөн идеалдардын жана принциптердин нугунда тарбиялоого эртерээк кам көрүп, өзүнүн социалдык процесстерди жөнгө салуучу, көзөмөлдөөчү функциясын так орундоого тийиш.

Ушундай кырдаалда өлкөнүн Президентинин «Манас», «улуттук нарк», «Инсанды рухий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү» жөнүндөгү жарлыктарынын жарыяланышы, булардын негизинде улуттук программалардын кабыл алынышы коомубуз суусап турган таалим-тарбиянын муктаждыктарына шайкеш чыгып турат. Өйдө жакта кыска-нуска аталып өткөн ата-бабаларыбыздын «канында» жашап сансыз жылдарды аралап, «белес-белден бороондоп, беш удургуп өтүп» келген кыргыз рухунун, Манас рухунун уңгулуу, күнүмдүккө эмес тубөлүктүүлүккө эсептелген кенчтери таалим тарбия үчүн багыт-маяк, соолгус булак-көрөңгө, түгөнгүс гүлазык-ресурс, этикалык-философиялык база. Бул нарктарды окуу-тарбия ишине мобилизациялап, жаштарыбыздын алдында чырак кылып жагып, маңдайына жылдыз кылып күйгүзүп турушубуз зарылдын зарылы. Практикадан бир мисал. Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда «Манастаануу боюнча 34 сааттык курс аяктагандан кийин студенттер аталган сабак жөнүндө өздөрүнүн ички ой толгоолорун дилбаян түрүндө жазышкан эле. Студенттердин ошол ой-толгоолорун айрым үзүндүлөрүн алдыга тарталы: «Манас сабагынын мага калтырган таасири өтө чоң болду. Менин элиме болгон патриоттук сезимимди күчөтүп, ички дүйнөмө бүлүк салып, «ойлон кыргыз, ойгон кыргыз» дегендей, ичимдеги катылып жаткан энергияны ойготту, менин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Көп нерсеге кызыгуу менен карап, бир гана күнүмдүк тиричилик жашоо менен алышпай, элим үчүн, жерим үчүн кызмат кылгым келет. Деген кыялдарым алоолонду.» (Имер кызы Айпери) «Манас сабагынын» предмет катары расписаниеге кошулушуна мен ыраазымын.» (Усенова Уркуя). «Манас сабагын угуп отуруп, ошол каармандарга аралашып, кадимкидей көз алдыма элестетип, көзүмөн жаш тегеренген күндөр болду. Мен «Манастаануу» сабагын 5-курска чейин кирсе дейм.» (Жумакунова Асель). «Манас сабагынан кийин менин патрмоттук сезимим мурдагыдан да күч алды.» (Жайлообек кызы Сайкал). «Манас сабагы биринчиден мендеги патриоттук сезимди күчөттү, мекенибизге болгон сүйүүмдү ойготту жана ошондой эле алтындан кымбат жерибизди сактоого, кайтарууга түрткү берди. Бизди тарбиялап, окуткан Байгазиев Советбек агайыбызга чоң ыраазычылык билдиргим келет». (Орокбаева Кенже). «Дагы баса белгилеп кетчү нерсе, Манас атабыздын анты ушунчалык чоң таасир берди десем эч жаңылышпайм. Антынын ар бир сабы демге дем кошуп, айкөлдүккө үндөйт. Манастаануу сабагы биз үчүн, б.а. азыркы жаштар үчүн керектүү деп ойлойм, бизге ушул сабакты акын, академик Советбек Байгазиев агай бизге бергени мен үчүн чоң бакыт. Ушул агайдай Манасты түп тамырынан бери билген (адамдар) инсандар көбөйсө албетте жакшы болот эле» (Казыбекова Айжамал).

«Манас сабагы» жөнүндө ой-толгоолорун жазышкан 100дөн ашык студенттин дээрлик 95 пайызы аталган предмет боюнча ушундайча ойдо экендигин көрүү жагымдуу болду. Чындыгында эле, эгер терең окутулса, улуу «Манас» эпопеясынын нарктарынын жаштардын жан дүйнөсүнө жана аң-сезимине таасир кылуу мүмкүнчүлүгү күчтүү экендиги студенттердин дил баяндары ырастап турат.

Эгер улуттук асыл баалуулуктар үй-бүлө, бала-бакчалар, мектептер, лицейлер, гимназиялар, колледждер, университеттер аркылуу кызыл сызык болуп алынып өтсө, ушул кенчтер ар бир адамдын көөдөнүндө жүрөк болуп дүкүлдөп согуп турса, анда мунун өзү улутубуздун жана эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздүн сакталышынын жана түбөлүктүү келечегинин гарантиясы, ошондой эле, элибиздин дүйнөлүк көчкө өз жүзү, өз колорити менен кошулушунун кепилдиги болмок. «Улуттук көрөңгөсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек. Бутуңдун алдындагы бекем кыртышсыз алдыга ийгиликтүү жылуу мүмкүн эмес» (Ф. М. Достоевский). Кыргыздын идеялогиясы улуттук руханий-адептик нарктарда жатат. Ал нарктар – муундар тарбиясынын негизи болуп келген жана улутубузду сактаган. Бул моралдык идеялогия кыргызды мындан ары да улут катары сактайт.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

УЛУТУБУЗДУН  УҢГУЛУУ НАРКТАРЫ ЖЕ

АК КАЛПАК КЫРГЫЗДЫН АДЕП ИДЕОЛОГИЯСЫ

  1. Ата-журт – ыйык кенч, эл – улуу кут!
  2. Ата-Журт – ыйык кенч!

Улуу мурасыбыз «Манаста» эң оболу эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте, ата-журт ыйык, эл улук. «Манаста» Ата-Журт менен эл бири-биринен ажырагыс эгиз түшүнүктөр. Ата-Журтсуз эл карып, элинен, калкынан ажыраган ата журт жетим. «Манастагы» трагедия ырайымсыз баскынчы жоодон чабылып-чачылып, ак калпак калктын («бири кетти Алтайга, бири кетти Каңгайга, бир кетти Эренге, бири түшүп кетти тереңге») ата журтунан ажырагандыгына байланышкан. Тентиген бурут атыгып, душмандын көзүн карап, кор болуп   күн көргөн алтайлык кыргыздын күнкөр тагдыры, ошол Алтайдагы ак элечек байбичелердин, ак сакалдуу карыялардын «кара өзөн кайда, бел кайда, аталаш кыргыз эл кайда?… деп ыйлаган муң-зары, саргайган сагынычы адам баласы үчүн тууган жердин – ата-журттун канчалык зарыл жана ыйык экендигин күбөлөп турат. «Туулган жердин топурагы алтын» деген сөз бекеринен айтылбаптыр да. Кыргыздын дагы бир макалында «ар кимдин туулган жери – мисир» делет. «Бешигим – мекен», «Ала-Тоомсуз мен киммин – атаэнесиз жетиммин», «Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо, калкып жаткан кандай укмуш немесиң, кереметтүү сен атасың, энесиң» деген сөздөр да улуу сөздөр. Жаш Манас баатыр да, Кошой дөөгө учурашканы келип, Ала-Тоону көрүп: «Мындай кызык жер болбос, мындай кызык көл болбос, суусунда миңдей түр эксе, түгөнбөс ырыс-кен экен, жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы» – деп чын жүрөгүнөн толкундап, ата конушун көкөлөтүп көккө көтөргөн. Кошой даанышмандын биринчи эле Манаска айткан сөзү да ата конуш, эл жөнүндө болот. Кошой: «Таалайга бүткөн жан болсоң, таап ал Талас жериңди, күтүп алгын кулунум, күрдөөлдүү кыргыз элиңди»,– деп азамат эр үчүн бу тирүүлүктө, биринчи ыйык жана улук нерселер эмнелер экендигин Манаска туюндурат. Манас Алтайда төрөлүп өссө да, анын  ой-санаасы, каны-жаны Ала-Тоо ата журту менен тамырлаш.

Ак асаба, кызыл туу

Аягын жерге сайбасам,

Асабасын жайбасам,

Атым өчүп калбайбы,

Атамдан калган Ала-Тоо Алтайдан калбай албасам – дейт Манас, жан дүйнөсү элеп-желеп болуп. Манастын бул монологунан анын ата журтка болгон кусалыгын жана ашып-ташкан мекенчил сүйүүсүн көрөбүз. «Атым өчүп калбайбы» деп намыстанган Манас өзүнүн адамдык жашоосунун маңызын ата-журту менен тыгыз байланыштырат.

Бир сөз менен айтканда, улуу «Манас» эпосунда ата журт эң жогорку дөөлөт, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык баалуулук. Ал – бөлөнгөн бешигиң, учкан уяң, конгон тууруң, жан дүйнөңдүн пайдубалы, ичтен тиреген тирегиң, ата-бабаңдын конушу, куттуу коломтосу, «Алтын бешик – тууган жер, кагылайын Таласым!» (Каныкей). Кыргызда «басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин» деген сөз бекеринен айтылбаган. Ата журт жана атуулдук сүйүү бул экөө бири-биринен ажырагыс. Ашып-ташкан атуулдук сүйүүсүз ата журт бактысыз. Манастын, Бакайдын, Кошойдун, Каныкейдин, Чубактын, Сыргактын атуулдук сүйүүсүнөн ыйык ата журтубуз – Ала-Тоо көгөрүп-көктөгөн. Ата-Журт – кыргыздын фундаменталдык кенчи. Манастын мекени – О, Ала-Тоо, түбөлүк тур! Манастын бүгүнкү урпагы моминтип ырдап турат:

Кутманым Жалал-Абадым, Жаныма өзүн дабасың.

Жердеген айкөл Манасым,

Кымбатым менин Таласым.

Сары-Өзөн Чүйүм кең экен, Түгөнбөс алтын кен экен. Нарыным бийик чеп экен, Ордолуу Ошум берекем!

Бишкегим Ордом-түнөгүм, Баткеним сени сүйөмүн.

Ысык-Көл – өмүр мүрөгүм, Ала-Тоом – соккон жүрөгүм!

  1. Эл – улуу кут!

Ата-Журттун ээси – эл. Ата-журт эли менен толук, калкы менен көрктүү «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» – деген эмеспи Барпы акын атабыз. «Манас» эпосунда «Бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга» кыргыз туштушка чачылып тараганда, Ала-Тоо баскынчы жоонун таманы алдында онтоп, жетимсиреп, мөңгүлөрүнөн «жаш аккан». Эл деген бир калдайган чоң бүтүндүк. Ал эми жеке адам ошол бүтүндүктүн бир бөлүкчөсү. Өзүнүн киндиги туташып турган бүтүндүктөн бөлүнүп жалгыз калган адам жетимсиребей кантет. «Аталаш кыргыз эл кайда» деп зар какшап сакалы ылдый жаш куюлтуп ыйлаган Алтайдагы карыя жетим эмей эмине? Жеке пенденин бактысы эли менен болгон биримдигинде.

«Эл ичи алтын бешик» делет кыргызда. Ошол «алтын бешиктен» бөлүнүп калгандыгы үчүн Манас:

Жердеп турат жеримди,

Ээлеп турат элимди,

Текес менен Алооке,

Кетирип турат кебимди,

  • деп Алтайда кайгы тартып турат. Ооба эл ичи алтын бешик. Ошол «алтын бешикте» тилиң чыгып, «апа», «ата» деген аруу сөздөрдү алгач оозанып, дилиң каймактап, элиңдин эреже-жоболору, адеп-ахлагы рухуңа сиңип, адам болуп торолгонсуң. Эл деген өзүнчө бир жаткан ажайып керемет кенч. Ошон үчүн аялзаттын тунугу, ак жоолуктун улугу Каныкей:

Өйдө бассам өбөгүм,

Мүдүрүлсөм, жөлөгүм,

Төбөдөгү жылдызым Кырк уруу кайран кыргызым!

  • деп элди баа жеткис асыл кенч катары көкөлөтүп отурат. «Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң», – дейт акын Арстанбек. Чынында эле, кишинин эмгекмээнетин баалап, атын чыгарып, нарк-насилин таразалап, аброюн көтөрүп, бийикке коё турган күч – дал ушул эл болот. Талантыңды ача турган, эрдигиңди баалай турган, өмүрүңдүн, жашооңдун маани-маңызын өлчөй турган эл. Ошон үчүн «эл менен сен бийиксиң» – деп жатат Арстанбек. Ошон үчүн Кошой Манаска эл болсо сен барсың, эл болсо мен бармын, «коргонду көздөй баралы, конуп кепке каналы, караан калган кыргыздын бир айласын кылалы, чачылганда жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы», – деп отурат. Ал эми Манас болсо, «кулаалы жыйып куш кылууну, куранды жыйып журт кылууну» көздөп, кыргыз журтун калыбына келтирүүнү максат кылып жатат. «Манастагы» ата журт менен элди бириктирүү мүдөөсү – улуу мүдөө.

Эл деген, албетте, өзүнүн нарк-насили, асыл сапаттары менен өрнөктүү. Ала-Тоодой ажайып кооз жерге асылбаа нарк жарашат. «Манаста» кыргыз эли: «Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө ата-журт олуя, беттеп адам барбаган» – делип ардакталып, сыймыктанган сезим менен бийик деңгээлге коюлат. Манас доорундагы бийик сапаттарын жоготпой, ал адеп-ахлакты байытып, сактап, кыргыз элинин абройлуу калкка айлангандыгын Манас атанын урпагы, Кыргыз эл акыны Замирбек Үсөнбаев төмөнкүчө  даңктап, ырга салган:

Түгөнгөн сайын түтөгөн, Түйшүктүү күндө күчөгөн. Кемчилин оокат жайынын, Кейибей туруп бүтөгөн. Жок болсо муңга батпаган, Ток болсо көөп жатпаган.

Тоо көчүп келе жатса да, Тоготпогон, шашпаган. Урматтап, сыйлап ар дайым, Улуусун эч бир какпаган. Адамдык атын булгабай, Абийрин таза сактаган.

Айтылган нуска өрнөгү, Аксакалдар төрдөгү, Ала-Тоодон заңкайып.

Балдарын ороп мээримге,

Байбичелер балпайып,

Ак-мөңгү түстүү элечек Айрыкча көрктүү шаңкайып.

Ай десең айдан сулуурак, Күн десең күндөн жылуурак. Кыялы назик дилиндей, Кыздары тоонун гүлүндөй. Асканы бузган бүтүндөй, Айбаты дайра күчүндөй. Уйпалап ташты кум кылган, Уулдары кылыч мизиндей. Сабаага бышып бал кылган, Саамалы суусун кандырган.

Чаначка чайкап бал кылган, Чаңкасаң кымыз кандырган. Мейманы келсе той кылган, Мээримин төгүп кондурган. Жатагына тай союп, Жайнатып даамын мол кылган. Ыйманы тунук булактай, Ырыскысын зор кылган. Өзгөчө тилин сактады, Өтсө да жылдар миңдеген. Алп таланттар чыгышып, Алтынын сөздүн иргеген.

«Манасты» даана таанытты, Маанилүү кыргыз тил менен.

Санай келсе аз элбиз,

Сапаты тунук таза элбиз.

Көрүнүшү аз элбиз,

Көркөм дүйнөсү таза элбиз. Аккан суудай шар элбиз, Ар-намысы бар элбиз.

Тартынбаган курч элбиз.

Таланты бийик ырчы элбиз.

Замирбек Үсөнбаевдын бул ырдаганы төгүндөлгүс акыйкат. Акыныбыз элдик нарктын каймагын калпып, чындыкты ырдаган. Кыргыз эли ушундай менталитети менен барктуу да, өзгөчөлүү да.

Эл – жаратман, түзүүчү. Анын жаратмандык чыгармачылыгы, эр уул-кыздардын патриотизми ата-журтту сактайт, коргойт жана гүлдөтөт. Элдик акыл-эсте эл эң жогорку улуу асыл-нарк, улуу кут. Эрден ашмак бар, элден ашмак жок. Эл – жеке инсандын баалуулугунун ченөлчөмү, ата-журттун ээси жана колдогон пири. Манасты эл жараткан. Манас элди сактаган, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, кулалы жайып куш кылган, куранды жайып журт кылган. Семетей Манас атасынын ушул патриоттук баатырдык иштерин улантуу үчүн Букардан Ала-Тоого кайтып келген. Семетейдин аны 12 жыл бою күткөн Бакайдын алдында айтып турган сөзү:

Бул – Манас конгон майлуу журт,

Манаска жаккан жайлуу журт, Кудайым берген куттуу журт, Сагынып келдим мыктуу журт. Каныкей мени тууган журт,

Киндик каным жууган журт.

Киндигимди кескен журт.

Кийимимди эзип жууган журт. Атпай журтка кан болуп, Атам Манас өткөн журт. Аягы Талас, башы Чүй, Атпай кыргыз өскөн журт.

Жамандык кылган душманы

Жанына келбей безген журт.

Шер Манас – Манас болгон журт,

Бакты, дөөлөт конгон журт. Атагы чыгып дөө болгон, Баатырлар өсүп, өнгөн журт.

Ушул жерден аттанып,

Жоо келсе жообун берген журт».

Кара көзүң кал басып,

Какшап жүрсөң мен үчүн,

Ак сакалың чаң басып,

Азап тартсаң эл үчүн,

Айланайын абаке, Мен арзып келдим эл үчүн, Абакем Бакай сен үчүн.

Акшумкардай айланып,

Акыры келдим жер үчүн Жетим кетип, жетилип, Кайрылып келдим калкыма. Кара жаным өлбөсө, Жетермин аба, баркыңа! Чын Семетей өзүммүн,– Чырагың келди кашыңа! Чындап жаным кашайды, Кагылайын абаке.

Көзүңдөн аккан жашыңа!»

Караңызчы, Ата-журт тууган жер, тууган эл жөнүндө терең  маани-маңызга толгон кандай укмуш сөздөр  айтылган. Эл-жерге болгон сүйүүнүн, ой жүгүртүүнүн манасча маштабы деп ушуну  айтыш керек. Бул сөздөрдөн Семетейдин руханиятынын жана патриотизминин  көкөлөгөн бийиктиги кашкайып ачыкка чыгып турат. Ушундай уулдук сүйүү аркылуу ата-журтубуз жана элибиз сакталып келген. Семетей үчүн Ала-Тоо ата-журту – ыйык кенч, ак калпак – кыргыз эли – улуу кут! Манастын, Семетейдин руху – бүгүн бизге тирек. Элим – жерим деген рух менен биз бекембиз жана түбөлүктүүбүз!

  1. Ата-Журтту Манастай сүй, ак калпак калкка Каныкейдей күй

Жогоруда айтылгандай, ар кимдин туулган жери – Мисир делет. Киндик кесип, кир жууган жери, – сенин ыйыгың. Бир атуул айткан экен: «Ата-Мекеним менсиз жашаса жашаар, бирок мен Ата-Мекенимсиз жашай албайм» – деп. Ушул Ала-Too мекениңде «ыңаалап» жарык дүйнөгө келгенсиң. Ушул жерде кас-кас туруп, тушооң кесилип, биринчи кадамыңды шилтегенсиң. Ушул касиеттүү Ала-Тооңдун абасын жутуп, суусун ичип, нанын жеп чоңойгонсуң. Көк шибер кечип, көпөлөк кууган балалыгың, ушул ак элечек тоолордун арасында өткөн. Ушул жерде алгач ирет «Ата», «Апа» деген ыйык сөздөрдү оозанып, ушул жерде чулдурап тилиң чыгып, эне тилиң энчиңе айланып, элиңдин руху боюңа сиңип, киши болуп торолгонсуң. Киндик кан тамган жериңдин көйкөлгөн көк чөптөрү, буруксуп буралган гүлдөрү, көк-жашыл арча кайыңдары, көгала шагыл таштары, көктүн көркүн ачып, көкөлөп учкан куштары, көк мелжиген аска-зоолору, көк кашка тунук суулары, оболоп шаңшыган бүркүттөрү менен өрүштө кишенеген жылкылары, койчу, бардыгы сенин адам болуп калыптанышыңа катышкан, алдыртан үлүшүн кошкон. Жазуучу К. Жусупов: «Жүрөгүм менин тоолордо», – деп бекеринен жазып жаткан жок.

Кыскасы Ала-Too – сенин бешигиң! Айланаңдагы тоолорду карачы, учтары, ырас эле, эмчекке окшош! Биз кыргыздар ушул «эмчектерди» ээмп чоңойгонбуз. Демек, Ала-Too – биздин энебиз! Мына, ошентип, төрөлгөндөн киндигиң туташып турган, тамырларың топурагына, кыртышына житкен, каны-жаның менен бирге Мекенбешигиң сен үчүн ыйык болбогондо, анан эмне ыйык болот? Төбөдөгү чоң Кудайдан кийин эле, экинчи Кудайың – Мекен. Сыйынаар Каабаң – Мекениң, төбөгө көтөрөөр таберигиң – Ата конушуң. Мына ушул ыйык Ата-Журттун «ак сүтүн» актоо, анын, гүлдөп өсүшү үчүн, күч-кубатынын, руханий жана материалдык байлыгынын артышы үчүн, анын аруу келечек мүдөөлөрү үчүн жанды аябай, карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу ар бир улан-кыздын атуулдук, патриоттук милдети, ыйык парзы. Ата-мекенибиздин алдында ар бирибиз карыздарбыз.

Карачы айланаңды, Ала-Тоонун жаратылышы эмне деген ажайып керемет, не деген сулуулук! Ичи эмне деген береке! Манас атабыз Ысык-Көлдү, Таласты карап: «Мындай кызык көл болбос, мындай кызык жер болбос, суусунда миңдей түр экен, түгөнбөс ырыс-кен экен», «Жер соорусу турбайбы, жер-деген адам тунбайбы» – деп чын жүрөгүнөн толкундап, суктанып турат. Ушундай керемет жерде төрөлүү, жашоо кандай бакыт.

Мекендин тузуна кара саноо ыймансыздын, чыккынчынын иши. Ошондой эле, мекендин, эл-журттун мүдөөкызыкчылыктарына, таламдарына, муктаждыктарына кол шилтеп же кайдыгер карап, өз көмөчүнө күл тартып, өзүнө гана «сары үкүнүн уясын» курууга далбастаган, элинин өткөн-кеткени, келечеги менен иши жок, эсепкысаптан башканы билбеген, капчыгы кампайганына ыраазы, күнүмдүк ойноп-күлгөндү мүдөө туткан жанбагар пенде мекен, эл алдында эч качан аброй күтө албайт, атуул катары ардак-сыйга татыктуу боло албайт. Мындайды эл ичинде жүргөн бир социалдык макулук же маңкурт деп коёт.

Илгертен кыргыз калкы, Мекен-эне инсанды эң жогорку адеп-ахлак чен-өлчөмдөр менен таразалап, анын өмүржашоосунун маңызын өз ата-журтуна, эл-жерине кандай жакшылык иш, пайдалуу эмгек кылгандыгына жараша баалап келген. Мындайча айтканда, жеке адам Мекен, калайык-калк алдындагы атуулдук (граждандык) парз, атуулдук милдет деген үлкөн түшүнүктүн сересинен каралат, киши ушул милдетке болгон мамилесинде кароолго алынат. Кыргыз акылмандыгы: «Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы», «өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт», «Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол», «Жаман киши өз камы үчүн жүгүрөт, жакшы киши эл камы үчүн күйүнөт», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген даанышман сөздөрдү, накыл ойлорду бекеринен жарык дүйнөгө алып келген эмес. Айтмакчы, эгер эске түшүрсөк, улуу Манас бабабыз кезегинде мына ушундай көз караш, рух салтында тарбияланып өскөн. Манастын пир туткан Кудайы, сыйынган дини – элдин кызыкчылыгы, ата мекендин эркиндиги, журттун ар-намысы. «Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» – дейт көкжал баатыр. Манастын табияты ушундай, ал Ала-Тоонун азуулуу душмандын таман алдында жатышын өзүнүн жеке инсандык ар-намысынын тепселип жатышы катары туюнуп, эч жаны жай албайт. Анжиянда жаткан баскынчы Алоокени көрүп: «Атамдан калган жеримди, алдырып коюп кытайга, аңкайып кантип турамын» – дейт, Манас жер тепкилеп. Манас Ата конушту бирөөлөргө ээлетип, алдырып жиберүүнү өлүмгө тете иш катары санайт. «Кызыктуу жерди алдырып, кыргыз уулу болгончо, кырылып жатып калалы, кайтарып жерди албасак, кал жөткүрүп калалык» – дейт акылман шер. Бир сөз менен айтканда, Манастын патриотизминин күчү ушунчалык, анын каныжаны, денеси, жүрөгү кыргыз элинин тулку бою менен кошо бүтүп калгандай. Манас менен кыргыз эли бир эле нерсе сыяктуу. Ал эми Манастын Кошой, Бакай, Сыргак, Чубак, Алмамбет сыяктуу чыгаан баатырларынын да сыйынган «Кудайлары», туу туткан ыйыгы эл, Мекен, бул экөөнүн боштондугу. «Ала-Too артык жер үчүн, ак калпак кыргыз эл үчүн, жанымды курман чалайын!» – дешет алар. Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы, Азган-тозгон аз элге, О, балам, караан болуп туралы, – дейт карыя Кошой жаш Манаска. Манас жана анын кеменгер эрлери өз эл-жеринин жогорку таламдары үчүн кара баштарын сайып, атуулдук ар-намысты бийик кармап, өрнөктүү өмүр кечиргендиктери үчүн калк тарабынан катуу урматталып, кылымдардан кылымга даңазаланып келатышат. Манас атанын патриоттук руханий салты кыргыз тукумдарынын рухунда кечээки күнгө чейин эле күчтүү уланып келген. Буга маселен, Курманбек, Эр Табылды, Жаңыл мырза, Жайыл, Тайлак, Байтик, Балбай баатырлардын, Курманжан датканын, Алымбек уулу Абдылдабектин мисалдарын көрсөтө кетсек болот. XIX кылымдын 2-жарымында Ала-Тоого илимий экспедицияга келген атактуу чыгыш таануучу В.В. Радлов кыргыздардын мындай өзгөчөлүктөрүн абдан туура байкаган: «…кара кыргыздар ушул убакка чейин аларга таандык болгон эр жүрөктүүлүк духун сактаган, алардын аң-сезими башка түндүк урууларына караганда өтө өскөн. Өткөн кылымдарда узакка созулган согуштар идеялык жагынан аларды бекем бир бирдиктүүлүккө бириктирген».

Кыскасы, Манас атабыз баштаган өйдөдөгү сүйүктүү элдик баатырларыбыздын атуулдук өмүр өрнөгү биз үчүн туу тутуп, ыйык таберик катары кармана турган, Ала-Тоонун чокусунда ак жылдыздай балбылдап күйүп, урпактарга нур чачып турган жогорку моралдык үлгүлөр. Тээ илгертен бери карай ата-бабаларыбыздын мына ушундай эл-жерге чексиз берилген патриоттук руху кыргызды, Ала-Тоону жоготпой сактап, тарыхтын бороондуу кыйынкезеңдеринен алып өтүп келген.

«Абыке – Көбөш алты арам» менен болгон кандуу кагылыштан кийин жөө-жалаңдап Букарга кетип жатып, Каныкейдин «кең Таласты кыя албай,  көзүнүн жашын тыя албай», эл-жер менен коштошуп турганын угуп-көрүп туруп, кошо ыйлабай коё албайсың:

– Атпай элдин ардагы, Айланайын Манасым!

Алтын бешик – тууган жер. Кагылайын Таласым!

Өөдө бассам, өбөгүм,

Мүдүрүлсөм, жөлөгүм,

Төбөмдөгү жылдызым, Баарыңардан айрылдым, Кырк уруу кайран кыргызым!

Кектешкен жоого камынган,

Көк жолборстой чамынган,

Айкөлүм, сенден айрылдым, Азапка түшүп кайгырдым. Арманы болбос адамдын Көмүлсө сөөгү жеринде!

Телчигип кайра келе албай, Кайран элди көрө албай,

Калбасак экен көк жалым.

Алда кимдин жеринде!

Өсүп-өнгөн кең Талас, Элиң менен аман бол! Көз мелжиткен кең өзөн, Белиң менен аман бол! Муңга толгон кан Бакай, Чалың менен аман бол! Келеңкер чачпак, боз улан, Жарың менен аман бол! Жайлап жаткан төрт түлүк Малың менен аман бол!

Кайрылып жерди карасам,

Кара боорум эзилет,

Карай берсем көз тойбой, Кара көзүм тешилет.

Как жүрөгүм жарылып.

Кабыргам менин эзилет.

Каңгырап кеткен биз шордуу, Кагылайын кең Талас,

Кай күнү сага кезигет?!

Кайда жүрсөм кең Талас.

Кетпессиң менин эсимден, Жетимиңди жеткирбей, Кандуу жаш кетпес көзүмдөн.

Көргө кирип кеткенче,

Атпай кыргыз тууган журт, Айланайын кең Талас, Үзбөймүн үмүт өзүңдөн!

Тентиреп жүргөн жетимиң, Жетимим келип элине

Унчугар бекен төшүңдөн!

Не деген күйүт, эмне деген арман, эмне деген кайгы! Жүрөктөн жарылып чыккан не деген укмуш муң. Өзүнүн трагедиялуулугу жана жүрөк – жүлүндөн атылып чыккандыгы, психологиялуулугу жана көркөмдүк кудурет-күчү жагынан Каныкейдин бул коштошуу монологу Манастын алиги  Чоң Казаттан кайтып келип Аруукенин алдында өксөгөн монологуна теңтайлаш. Бул монолог «Манастын» көркөмдүк-эстетикалык дүйнөсүнүн көкөлөп көккө  чыккан өтө бийик чокуларынын бири. Бул коштошуу арманы Каныкейдин  жан дүйнө тереңинде кандай сыр, кандай кымбат нерселер катылып жаткандыгын аңтарып тышка чыгаргандыгы менен да уникалдуу. Караңызчы, Каныкей элин, кыргыз жерин кандай сүйгөн! Манасты кандай сүйсө, ак калпак калайык-журтун, калдайган Ала-Тоону, касиеттүү кең Таласты дал ошондой кан-жаны менен берилип сүйүптүр. Кыргыз эл-жери Каныкей үчүн кандай гана кымбат. Караңызчы, мекенинен ажырап жатып, Каныкейдин ичинин сыйрылып турганын. Жан дүйнөнүн эмне деген марттыгы, эмне деген улуулугу! Тууган эл-жер үчүн кара жанын садага чабууга даяр. Не деген атуулдук күйүмдүүлүк, эмне деген патриотизм чөгүп жатат, бул керемет көркөм саптарда.

Көз жашын тыя албай айтып турган Каныкейдин ушул монологун дагы тыңшап туруп, дагы бир жолу айталы, Манасын, кыргызын, тууган жерин ушунчалык берилип сүйгөн жагынан Каныкейдей аялзатын төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айлансак да таппаспыз.

Айкөлдүн өмүрлүк жарынын бул монологунда коштошуунун гана кайгысы эмес, жакшылап үңүлө карасак, кайра кайтып келүүнүн  да философиясы уюп жатат. Минтип бир боор эл-жерине «как жүрөгү жарылып, кара көзү тешилип, кабыргасы эзилип» турган пенде тирүү болсо, кайра кайтып келбей коюшу мүмкүн эмес. Анан калса, «үзбөймүн үмүт өзүңдөн, жетимим келип элине, унчугар бекен төшүңдөн» деп жатпайбы. Демек, «кош, аман бол! – деген сөз ошону менен бирге эле, тереңинде «КЕЛЕМ» деп кан-какшаган доошту угузуп отурат.

Каныкейдин  кайра кайтып келүү философиясы өзүнүн перзенти Семетейге, анын келечегине болгон үмүтүнөн, ишеничинен агып чыгат. Философия деп жатканыбыздын себеби, Каныкей бул жерде эне катарында гана ойлонбостон, элдин кызы, элдин руханий лидери, калк энеси, бүгүнкүнүн тили менен айтканда, коомдук ишмер катары да ойлонуп,  Семетейдин болочогун мекенинин эртеңи менен байланыштырып, чоң патриоттук – саясий деңгээлде толгонуп, акыл чуркатып турат. Анын баласына болгон энелик сүйүүсү эл-жерине, Манастын ата журтуна болгон сүйүүсү менен жуурулушуп кеткен. Чын-чынына келгенде, «жан курдашым Каныкей – согуп турган жүрөгүм» деп өзүнө жалынып турган өмүр шериги өлгөндө, Каныкей кайгы-күйүткө чыдабай, өз жанын кыйып, айкөлү менен кошо о дүйнөгө кетип калышы да мүмкүн эле. Ошондогу «төгүлүп турган чачын тал-талдан кармап жулуп, айнектей болгон бетине батыра тырмак салып, бетинен аккан кара кан, тушардан кызыл таш болуп, көзүнөн аккан кандуу жаш, дайра кара суу болуп» турганын көргөн адам анын тирүү жүрөрүнө шек кылбай койбойт эле. Ырасында, сүйгөнү менен жаны бирге болуп  калган Каныкей үчүн айкөлүнөн ажыраган соң бу дүйнөдө жашоонун маңызы да жок болучу. Бекеринен ал «тозокко салбай жанымды, тоодоюм көк жал ала жат», деп бакырган эмес, ошондо.

Бирок каныша айкөлү менен кошо кете албады. Мунун бирден бир себеби – Манастан калган жападан жалгыз туягы, жаңыдан жарыкка туулган, эт-жүрөгү менен бир Семетейи. Каныкейдин акылман туюмунда  артында калган ботосу барда Манас тирүү. Туягы бар, демек, Манас өлгөн жок.   Семетейдин тирүүлүгү – Манастын тирүүлүгү. Каныкей ушул ойду эш тутту, ушул туюмдан канимет, шүгүрчүлүк алды. Анын туңгуюкка кулап бараткан жанын ушул ой тирөөч болуп сактап калды. Ушул ой аңсезиминин түпкүрүнөн чырак болуп күйүп, канышанын жанын аман алып калды. Семетей ботом барда өлбөй тирүү жашоомдун мааниси бар деп туюнду. Анан да, кеменгер Каныкей  Манастын өлбөстүгүн анын өз мекенинин бактаалайы үчүн жасаган уулдук даңктуу иштеринен, «кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» эрдигинен, элинин «ысык-сууктан тосуучу, орнотулуу чынары» болуп берген мээнетинен көрүп турат. Ушундай ишениминен улам, аза күтүү учурунда «ата болгон жан элең, баатырым, ак калпактуу кыргызга, ободо чолпон жылдызым, ордуңду жоктоор кыргызың, асманда чолпон жылдызым, артыңдан жоктоор кыргызың» деп шолоктоп ыйлап, даңктап-даңазалап кошогун кошту да. Каныкей тереңинде Манастын тирүүлүгүн ошол даңазалуу иштеринин, жеңиштеринин сакталышынан, улантылышынан, көбөйтүлүшүнөн көрөт. Түптөп, орнотуп кеткен иштери өлбөсө – айкөлүнүн өлбөгөнү ошол. Манастын кыргызга жагып кеткен чолпону өлбөй-өчпөй жаркырап күйүп турушу керек. «Атан өлсө тайлак бар, комун жерге таштабайт» деген элдик даанышмандыктын нугунда ой толгоп, Каныкей ошол Манастын өрнөктүү иштеринин улантышынын, жандырып кеткен чолпонунун өчпөстүгүнүн кепилдиги – Семетей деп билет. Ошон үчүн Букарга качып бараткан жолдо артынан издеп келип жолуккан Бакайга «капа болсок кан аба, кайратың жетим бар аба,

Манастан калган белек бар, баш көтөрөр жөлөк бар» деп айтып отурат. Мына ошентип, мындан ары карай Каныкей эненин бүткүл үмүтү, бардык ой-тилеги, бардык санаасы кулуну Семетейдин тегерегинде жетим көпөлөк чыракты айлангандай айланып калды. Анан дагы өйдөкү өзөктү өрттөгөн «алты арам» Манастын ордосун талкалап, туусун жыгып, туягынын бешигин көкбөрү тарткандан кийин, Каныкей Семетейди сактоонун зарылдыгына дагы жүз эсе, миң эсе ынанды.

Букарга  качып бараткан Каныкей үчүн боорундагы көтөргөн баласы – өзүнүн гана үмүтү эмес, «алты арамдын» үстөмдүгүнүн алдында калган бүт кыргыз элинин үмүтү, кыйраган Манас мамлекетинин үлпүлдөп жанган чырагы эле. «Жүрөгүндө сүйүү бар адам бардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат» деп ой жүгүртөт

Ч.Айтматов. Чынында эле, бир нерсени түшүнгүң келсе, ага сүйүү жардам берет. Сүймөйүнчө аны жакшы түшүнө албайсың. Сүйүү десе «жалгыз бирөөнө арналган сүйүү эмес-дейт Айтматов, кандайдыр андан да зор, андан да алп турмуш жашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү». «Кең көйнөктүн тазасы, аялзаттын паашасы» Каныкей кыргыз элин, кыргыз жерин ушундай өлчөмү жок чоң сүйүү менен сүйгөн. Чын жүрөктөн чыккан сүйүү Каныкейге Ала-Тоону жана ак калпак кыргызды терең түшүнүүгө көмөк берген. Чынында эле, дүйнөнү СҮЙҮҮ, ЖАКШЫЛЫК  жана  СУЛУУЛУК сактайт деген сөз акыйкат белем.

II.  ЭНЕ – УЛУК ЖАНА ЫЙЫК

Адам  кандай болуш керек? Тарбия-таалим  ишинде кандай идеяны, кандай философияны жетекчиликке алуу зарыл? Мына ушул өңдүү суроолорго жооп издөөдө жана адеп-ахлак моделин  түзүү түйшүгүндө тарбия илими өткөн доорлордун өзөгүнөн өрнөктөрдү, тарыхтын тажрыйбасынан таяныч  табууга умтулуп, илгерки атабабалардын рухий-маданий казынасына активдүү түрдө кайрылып жатат.  Бул бекеринен эмес.  Руханият тармагы аба ырайы тез, тез өзгөрүлүп турган экономика же саясат тармагы эмес. Руханият сферасында кээде, модачыл инновацияга караганда, кылымдарды карытып келген байыркы  нерсе алда  канча маанилүү, алда канча керектүү болуп чыгат. Нан  деген эски нерсе, байыркы нерсе, бирок адамзат баласы үчүн нан ар дайым жаңы, өлбөс, түбөлүктүү мүлк. Руханият тармагынын спецификасы башка. Бул жакта нан сыяктуу дайыма жаңы, эскирбеген, түптүү, түбөлүктүү кенчтер болот.  Ошон үчүн кыргыздын элдик акылмандыгы айткан мынабу: «Алды  жакты бир жолу карасаң, арт жакты миң жолу кара» деген макалда чоң маани бугуп жатат. Биз үчүн философтордун биринин ушул эле кыргыз макалынын духунда айткан төмөнкү ойлору абдан орчундуу: «Чоң аталардын жана чоң энелердин моралы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган. Тарыхый тажрыйба адам пендесинин турмушунда жаңылыкка караганда,  ар дайым кайталанып, кайра келип турган түбөлүктүү, түптүү нерселер көбүрөөк экенин күбөлөп турат. Мына ошондуктан, жаңылыктардын артынан кубалайм деп отуруп, кылымдап калыптанган «ак чач» нормаларды, эрежелерди унутуу опурталдуу экенин эскерткибиз келет». Демек, бүгүнкүгө омок болчу дөөлөттөрдү издеп, карт тарых  казынасына кайрылуу толук  мыйзам ченемдүү нерсе экен.

Эмесе, ушул мааниде алганда, түрк дүйнөсүнүн V-IX кылымдарга таандык  байыркы мурасы катары адамзаттын маданият казынасына катталган айтылуу ОрхонЕнисей эстеликтериндеги ташка чегилип жазылган тарых бизге эмнелерди бермек? Биз бул  таштагы «тарыхтан» кандай сабакты, педагогикалык-философиялык ойду, адептик-ыймандык нарктарды таба алабыз?

Эмесе, эзелки Орхон-Енисей жазууларында адамдар көрүп-билип,  үйрөнө турган, көөнөрбөй, түбөлүк турчу кандай тарых, нарк-кенч, маани-маңыз бар болду экен?

Ушуга жакшылап үңүлүп көрөлүчү.

VIII-кылымда Монголиянын Баин-Цокто деген жерине тургузулган  түрк аскер башчысы Тонукуктун эстелигинде мындай деген жазуу бар: «Табгач каган жообуз эле,  он ок каганы жообуз эле, артыкча кыргыз күчтүү каган жообуз болду» (көрсөтүлгөн китеп, 87-бет). Энесайдагы ошол күчтүү кыргыз  мамлекетинин башында Барсбек аттуу каган турган. Бул  жөнүндө маалымат, Монголиянын Кошо-Цайдам өрөөнүндөгү Орхон дарыясынын жээгине VIII кылымда  түрк баатыры Күл-Тегинге арналып орнотулган таш эстеликтин бетине  чегилип жазылган.

Түрктөрдүн байыркы тарыхын изилдеген атактуу окумуштуу Л.Н. Гумилевдун эзелки доордо түрк калктарында эне деген ыйык катары өтө бийик баалангандыгы, уулкыздар ата-энеге  бет келгенде,  адегенде энесине жүгүнүп салам берип, андан кийин атасы менен учураша тургандыгы жөнүндө жазганы бар. Түрк дүйнөсүндөгү эненин ошондой бийик зоболосунун чындык экени Енисей аймагындагы «Алтын-Көл» деген жерге тургузулган кыргыз каганы байыркы Барсбектин таш эстелигиндеги жазуудан да ачык көрүнүп турат. Барсбектин  эстелигиндеги жазуу мындай саптар менен башталат. Окуйлу:

«Он ай боюна көтөргөн эле мени энем! Элиме мени тууп берген эле  энем» (Орхон-Енисей тексттери, 171бет). Алтын-Көлдөгү эзелки кыргыз  элчиси Эрен Улугка арналган таш  эстеликтеги жазуу да ушундай маанидеги сөздөр менен ачылат.  Мына карайлы: «Он ай көтөрдү энем. Уул туулдум» (ошондо, 172-бет).  Эми ойлосок, бул жерде эстелик дүйнөдөн өткөн  жеке бир эр кишиге, конкреттүү инсанга коюлуп жатат. Буга карап, сөз ошо кишинин ысымы менен башталып, ошо киши  жөнүндө гана болушу керек сыяктуу. Эпитафияда айтыла турган нерсе,  чегине чейин кыскартылып, ойдун ток  этер  жери гана калтырылып, артыкбаш сөзгө жол берилбейт эмеспи.

А бирок  биерде кулач кең жайылып, ой кеңири алынып, сөз биринчи иретте,  энеден башталып жатат. Адамдын тагдырына чекит  койгон мүрзөдөгү сейрек айтылчу акыркы сөз,  адегенде эле  эне жөнүндө болуп отурат. Бул эмне дегендикти билдирет? Жакшылап аңдасак, бул – сен чоңоюп  эр жетип, төбөң көккө тийип, канчалык көкөлөп өспө, канчалык атак-даңкка жетип зор болбо, баары бир сенин башатың, башталышың энеде деген акылгөй ой. Сен адегенде эненин курсагында түйүлгөнсүң, эненин канынан «баланын үйүндө» сенин жаның «каймактаган». Түйүлдүк түйшүгүн тартып, жаныңды жаратып жаны кыйналган, он ай көтөрүп, омурткасы сыздаган – эне! Барсбек менен Эрен Улугдун эстелигиндеги жазууда дал ушул улуу башталышты терең  түшүнгөн даанышмандык уюп жатат. «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем», «Он ай көтөрдү энем» деп, энелик улуу түйшүктү атайы басым коюп белгилеп, жан жаратып, өмүр ыроолоп, жарыкка алып келген энелик айкөл  мээримге таазим кылып, аны өлбөс-өчпөс кылып даңазалап, ташка чегип жатат го. Чын эле дүйнөнүн башаты эне эмеспи. Төбөбүздөгү Теңирден, көктөгү нур жаадырган күндөн, Жер-энебизден кийинки эле жан жараткан экинчи Кудайыбыз ушул эне го. «Ыңаалап» жерге түшкөндөн кийин  бооруна алып, эмчегин эмизип, ак сүтүн берип торолтконучу, түн уйкусун үч бөлүп, үстүңдө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп, асырап-багып бутуңа тургузганычы. Андан кийин уул-кызга өмүр бою эненин жаны курман. Балдарым  деп отко-сууга түшүүгө, алар үчүн садага чабылууга даяр турган чыныгы күйөрүң, азабыңа түтөр жан ушул эне го. Биздин илгерки ата-бабалар эненин мына ушундай айтып бүткүс улуу касиетин, өзгөчө табиятын, бөтөнчө мээнет-кызматын акылмандык менен жетик аңдап туюнгандыктарынан улам, өздөрүн апанын алдында түбөлүк милдеткер, өмүр бою карыздар сезишип, а түгүл ажал жетип, күн бүтүп, акыркы сапарга кетип жатып да, эненин ыйык ысымын оозанууну парзым деп  эсептешкен. Барсбектин эстелигиндеги жазуунун жанагинтип  эне жөнүндөгү сөз менен башталып жатышынын төркүнү, сыры мына  ушул жакта деп ойлойбуз.

Эне жөнүндө  сөздү уласак, дегеле илгерки кыргыздын  эркек төрөлгөн  баласы эс тартканда: «Энем мени не үчүн төрөгөн, бу жарык дүйнөгө мен не максат менен келдим, энем мени эмне үчүн тууган?» – деген маселенин тегерегинде көп ойлонгон экен. Мындай чоң суроого ал кайра эле  өзү жооп тааптыр. Кайрадан Энисейдеги Барсбектин эстелигине  кайрылалы. Алды жакта эстеликтеги жазуудан мисалга алынган алиги «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем! Элиме мени тууп берген эле энем» деген эки саптын экинчи бөлүгүнө дагы бир  ирет үңүлүп көңүл буруп көрөлү. «Элиме мени тууп берген эле энем». Жакшылап тигилсек, бул жерде бөтөнчө  бир маани жатат. Баса, ошол эле жаңкы Эрен Улугдун бейитиндеги ташта «уул туулдум» деп эркек болуп төрөлүү фактысына атайы басым коюлуп, сыймыктануу менен жазылып жатат. Демек, бул жерде, жакшылап  байкасак,  эне, уул баланы жөн эле кызыл эт кылып, жарык  дүйнөгө төрөп коюш үчүн он ай көтөрүп, омурткасы сыздабайт, эркек баланы эне бир үй-бүлөгө гана  эмес, жамы тууган элине, калайык-журтуна төрөп берет, уул элдин перзенти, жамааттын табылгасы,  ал омурткасы сыздап, он ай көтөргөн энесинин акысына, ак сүтүнө элдин уулу болуп, калайык-калкынын керегине  жараган атуулдук-азаматтык  кызматы аркылуу гана татыктуу боло алат деген идея чөгүп жатат. Мындан улам «элиме мени тууп берген эле энем», «уул туулдум» деген сөздөр бекеринен ташка чегилип  жазылбагандыгын туюнсак болот. Уул туулуу,  демек,  эл үчүн туулуу, элге кызмат кылуу, элге кызмат кылуу – энеге кызмат кылуу  дегендикке жатат. Кыргыз-түрк жамаатында уул туулунун өзү – эненин  бийик иштерге болгон наказы катары түшүнүлгөн.

Эне – кыргыз уулунун татыктуу, ар намыстуу жашоосунун бийик чен-өлчөмү жана аны түп жактан шыктандырып турган кудуреттүү күч. «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем, элиме мени тууп берген эле энем» деген сөздөрдөн кийин  удаа эле чегилген «Жериме мен эрдигим менен бек болдум. …Менин жоокердик эрдигиме  … арналып, мага ушул эстелик тургузулду» деген сөздөрдөн Барсбек кандайдыр бир даражада эненин ак сүтүн актай алды, эмгеги, эрдиги менен энесинин, элинин татыктуу уулу болуп жашап өттү деген маани окулбай койбойт. Эне сүтүн, эл ишеничин актаган эр азамат кыргыз коомунда ар качан калктын моралдык бийик өрнөгү, туусу, идеалы болуп келген. Барсбек башчы, каган гана эмес, баарынан мурда адеп-ахлагы бийик айкөл  адам болгон. Ошондой асылынан, идеалынан капысынан ажырагандыгы үчүн бүтүндөй жамаат көз жашын төгүп, өздөрүнүн өзөктү өрттөгөн күйүтүн мындайча  ташка чегип жазышкан тура: «Ажал,  өзүң жок болгун тукумуң менен!» О, Барс, бизди таштап кеттиңби, атаганат! О, кымбатым!, О, кенчим! Бизди таштап кетпесеңчи»!..

Дагы бир нерсе. Энеге татыктуу болууга уул гана умтулбастан, эне да  уулунун эне-атасына  жана эл-журтуна опаасы тийген адам  болуп өсүшүн тилеген, күткөн жана ошол нукта тарбия-таалим жугузган. Уулу күткөнүндөй, тилегениндей эр азамат  болуп чыкса, эне бактылуу болгон. Мына ошон үчүн Күл-Тегиндин эстелигинде: «Умай энедей каныша энемдин багына иним Күл-Тегин эр атын (наамын) алды» делип сыймыктануу менен жазылып жатат. Демек, Барсбек менен Күл-Тегиндин ийгилигиэненин багына  экен. Мунун өзү жогоруда айтылган, энетүрк уулунун татыктуу, ар намыстуу жашоосунун бийик чен-өлчөмү  жана аны түп жактан шыктандырып турган кудуреттүү күч деген ойдун тууралыгына күбө өтүп турат.

Төбөбүздөгү теңирден, көктөгү нур жаадырган күндөн, Жер-энебизден кийинки эле жан жараткан экинчи Кудайыбыз ушул эне го. «Ыңаалап» жерге түшкөндөн кийин  бооруна алып, эмчегин эмизип, ак сүтүн берип торолтконучу, түн уйкусун үч бөлүп, үстүңдө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп, асырап-багып бутуңа тургузганычы. Андан кийин уул-кызга өмүр бою эненин жаны курман. Балдарым деп отко-сууга түшүүгө даяр. Биздин илгерки ата-бабалар эненин мына ушундай айтып бүткүс улуу касиетин, өзгөчө табиятын, бөтөнчө мээнет кызматын акылмандык менен аңдап туюнгандыктарынан улам, өздөрүн апанын алдында түбөлүк милдеткер, өмүр бою карыздар сезишип, а түгүл ажал жетип, күн бүтүп, акыркы сапарга кетип жатып да, эненин ыйык ысымын оозанууну парзым деп  эсептешкен.

Энеге карата мамиленин көрүнүштөрүнөн улам байыркы кыргыз тукумдарынын акыл-ой жана  жан дүйнө маданиятынын жогору болгондугун баамдоого болот. Буга эл ичинде илгертен жашап келе жаткан төмөнкү макалдар жана накылдар да күбө: «Эне сүйүүсү күн шооласы сыяктуу болот», «Алтын-күмүштүн эскиси болбойт, атаэненин баасы болбойт», «Дөөлөтүң – ата-энең», «Эне баскан жөжө өлбөйт», «Эне – соолбос булак». Ушул жерден баса белгилей турган нерсе, дегеле, кыргыз көчмөн  цивилизациясы эненин  статусун эң бийик  чокуга койгондугу менен бөтөнчөлөнөт. Эненин кыргыздагы эң жогорку руханий статусун «Манас» эпосу да ырастайт. Эне – Манас баатыр үчүн да ыйык.

«Манаста» Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым!» деп, уулуна эбедени эзилип турат. Манасы тентек болсо да, эч убакта, эч жерде осол мамиле жасабайт. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр.

Психолог-педагогдор үй-бүлөдө ата-эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон бала эч убакта ташбоор болбостугун жана ал чоңойгон кезде ата-энеси менен өзгөчө жакын, ысык мамиледе болорун, ата-энесине агынан жарылып ачылып турарын белгилешет. Мээрим мээримди жаратат. Буга ушул эле Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамилени  мисал катары келтирүүгө болот.

Атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта ажонун тагында отурган чагында да,  Манас Чыйырды энесин айланчыктап турат. Маселен, ал бир ирет Алмамбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:

«Отуздагы баласы,

Зоңкоюп эмчек эмди!» – деп,

Эми Жакып чал күлүп турганы».

Бир сөз менен айтканда, Манастын адам катары жаралышында энеси Чыйырдынын күндөй чачырап төгүлгөн мээриминин мааниси ченемсиз. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы. Ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлейт. Чыйырдыга Таласка атайылап Ак сарай салып бергенине караганда («Чыйырдынын Ак сарай, кеңдиги бар бир далай»), Манастын апасын төбөсүнө көтөрүп багып жаткандыгы байкалат. Манастын апасына болгон ак мамилеси – бул энени урматтоонун жогорку өрнөгү. Эгерде көзү тирүү болгондо Манас балким, Чыйырды энесинин ысымын ташка чектирип жаздырып, эстелик тургузат беле. Бирок тилекке каршы, Манас элим-жерим деп жүрүп, апасынан мурда көзү жумулуп кетти. Баса, айтмакчы, ажал тооруп, көзү жумулуп баратканда да, Манас Чыйырды апасын оозанып: «Өрүштөн кыркпа желемди, өксүтпө карган энемди» – деп чогулуп келген туугандарына керээз кылат. Мунун өзү Манастын энесине болгон уулдук чексиз сүйүүсүнүн дагы бир айныгыс далили.

Эгерде азыркы XXI кылымдын жана мындан аркы келечектин адамы кандай болуш керек, алдыңкы  адепахлактуу инсандын моделин кандайча көз алдыга  элестетсе  болот деген собол коюлса, биз ага мындайча жооп берер элек. XXI кылымдын жана болочоктун  адамы эне менен атаны пир тутуп, терең урматтаган  инсан болуш керек. Ушул адамдык улуу сапат жаңы адамдын  негизги моралдык касиеттеринин бири болушу лаазым. Ал Манас атадай ата-энени сыйлаган киши болушу зарыл. Мындай адамдык асыл касиетсиз  дегеле, адамды, ал канчалык билимдүү болсо да, адам болду деп  айтышыбыз мүмкүн эмес.

Улуу акын Нурмолдо «Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо» дейт. Туура айтылган ой. Тээ байыркы замандардан  бери карай кыргыз элинин сыйынар нерсеси болуп келген. Кыргыз баласы эне-атаны ыйык көрүп, туу тутуп жашаган. Кыргыз ошол үчүн кыргыз да. Эне менен атаны урматтоосуз – кыргыз жок, керек болсо. Бул салт, бул сыйынар дөөлөт – кыргыздын руханий цивилизациясынын улуу көрсөткүчү, улутубуздун уңгулуу наркы. Биз, ушул рух цивилизациябыздын салтында, айкөл Манас атабыздын эне менен атага сыйынган улуу адептик-ыймандык өрнөгүн абийирдин мыйзамы катары тутунуп, аны кыйшаюусуз жетекчиликке алып жашоого тийишпиз.

Энеге карата  болгон моралдык-философиялык  көз караштын жана сый-урматтын салты те байыркы Манастын, Барсбектин доорунан бери карай  уланып, элдик тарбиянын күчү менен улам кийинки тукумдардын рухуна сиңирилип  келген. Энеге болгон бийик ыймандык  сезим кыргыз  баласынын «рухий генинде» бар.  Мен үчүн тогуз ай көтөрүп, омуртка-сөөгү сыздап, ымыркайымдан ысыксуугума чыдап, ак сүтүн эмизип, мээримин төгүп баккан энем баарынан кымбат» (Сарт Аке). Сарт Акенин бул сөзүнөн улам улуу акын Токтогул эске түшөт. Токтогул Сатылгановдун өз энеси Бурмага болгон уулдук мээримызааты, урмат-сүйүүсү өзүнчө бир унутулгус сабак.

Алыскы Сибирде орус падышачылыгынын каторгалык түрмөсүндө жүргөн кезинде акындын басса-турса санааркап энесин эстегенине күбө болобуз. «Туткун ырларында» Токтогулдун  эки сөзүнүн бири эле апасы жөнүндө. («Армандуу энем жүргөндүр, «Ардагым!» – деп жол карап». «Сагынып ырдайм ар күнү, көтөрүп баккан апамы». «Бурулуп барар бекемин, муңдуу болгон апама»). Түрмөдөн качып чыгып, эл-жерин издеп жөнөгөндө да, биринчи эле эстегени энеси: «Алты аркар жылдыз батканча, алты айланып эмизген, айланайын апакем, ак сүтүңдү сагындым!..» «Каны калып бир кашык, эти калып көк жашык» туулган жери Кетментөбөгө эптеп жеткен кезде да, акындын алгач оозанганы энекеси: «Алдейлеп мени чоңойткон, апакем аман барсыңбы?» Бир боор уулдун табигый сезиминен башка да, Токтогулдун энесине болгон урматынын негизинде чоң адамдык акыл даанышмандыгы жатат. Бул даанышмандык – «алты аркар жылдыз батканча, алты айланып ак сүтүн эмизип, алпештеп багып асырап, адам кылып, бутуна тургузган асыл эненин эмгегинин ыйыктыгын жана улуулугун ичтен терең туюнуу билгилиги («Балапандай баккансың, ак сүтүңдү эмизип, бооруңа басып жаткансың, алпештедиң апаке, адам кылдың асырап»… «Кош апаке!» ырынан).

Мына ушул ак сүтүн эмизген эненин улуу ыйык эмгегин актоону Токтогул биринчи ыйык парзым деп сезет. Апанын ак сүтүн актабай бу дүйнөдөн кетүү эң кечиримсиз иш. Буту-колунда кишен шалдырап, бүргөгө таланып, түрмөдө отуруп, бир түнү Токтогул азаптан кутулуш үчүн жанын кыйгысы келет. «Арманыңды чеч эне, ак сүтүңдү кеч, эне!» – деп энесине жалбарып, көз жашын төгөт. Бул жерде уул Токтогул өзүнүн өлүп калышынан коркпостон, элден мурун энесинин алдындагы карызынан кутулбай өлүп калуудан коркуп отурат. Ошон үчүн «Ак сүтүңдү кеч, эне!» – деп апасынан өтүнөт. Эгер оюнда апасы ак сүтүмдү кечтим десе, анда шордуу туткун акын абийири менен тынч өлүп кете бермек. Түрмөдөгү мындай жүрүмтурумунан Токтогул акындын уулдук адеп-ыйманынын аруулугу, Кетментөбөнүн булагындай тазалыгы даана туюлуп жатат. Ал эми айдоодон кайтып келген кезинде Токтогулду биринчи иретте, эненин карызынан кутулуу мүмкүндүгү ачылгандыгы кубандырат: «Айланып келдим алыстан, актоого ак сүт карызды». Эне деген – ыйык. Анын ак сүтүн актоо, эненин карызынан кутулуу – уулдун адамдык парзы, өмүрлүк мүдөөсү. Энени төбөгө көтөрүп урматтоо – бардык пенделер үчүн бузбай, аттабай турган адеп-ахлактык мыйзам. Токтогулдун эне жөнүндөгү кан-жанына, акыл-эсине сиңген этикалык кеменгерлиги ушундай. Тоо булбулунун мындай адамгерчиликтүү, гуманисттик адеп-ахлагы кыргыз калкынын илгертен уланып келе жаткан энени эң бийик санаган элдик рух салтынын символу.

Эгерде эненин ким экендигин дагы бир жолу терең билгибиз келсе, анда акын Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» аттуу китеби менен таанышканыбыз абзел дээр элек. Ш.Дүйшеев аталган китебинде Канымгүл кемпирдин Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган Ормо деген уулун күтүп, жаны жай албай, ичинен түтөп, өрттөнүп күйүп турган кебетесин художниктин реалисттик чынчылдыгы менен тартып берген. Канымгүл апанын айылдын үстүндөгү талаадан «түшүрүп ийип топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип» уулунун согушка кетип жатып акыркы жолу буту баскан жерди издеп жатканын, ошол жердеги уулу жөлөнгөн ташты сылап-сыйпап отурганын, таштын чеке белиндеги чөп-чарды аярлап тазалап жатканын, Кудайлап салган төлгөсүн, «балекетиңди алайын Шакенбай, балам аман-соо жүрүптүр, күзү менен келип калчудай өңдөнөт» деген жүрөктүн түпкүрүнөн атып чыккан саргайган сагынычтуу сөздөрүн, чүрпөсүнүн таманы тийген жердин топурагынан алып, түйүнчөгүнө түйгөнүн, согуштун басылганына далай жыл болсо да, 50-жылдардын ортосунда апасын күткөн жаш баладай жол карап, кара козусун түлөөгө байлап, Кудайлап турганын көрсөткөн Ш.Дүйшеевдин документалдуу баянынан улам бу жарыкчылыкта ЭНЕ деген ким экендигин дагы бир жолу таң кала, жүрөгүбүздү сыздатып, тереңден сезип-туябыз. Эненин ушундай касиетин сезип-туйганынан улам даанышман Сарт Аке өз учурунда: «Адам баласы канчалык ак, эне сүтүндөй таза, Аллах-тааланын жолунан чыкпай адал эмгеги менен тер төгүп жашаса да, бу жалганда пенделик бардык милдетин түз аткарса да, эненин эмгегинен, энеге болгон парзынан кутула албайт. Эне өмүрдө эч нерсе менен алмаштырбай турган нерсе! Бул – дүйнөдө баасы жок, баа коюуга мүмкүн болбогон нерсе», – деп айтса керек.

Энени Манас атадай, Токтогулдай, Сарт Акедей ыйык көрүү, анын ак сүтүн актоого бардык күчү менен умтулуу – ар бир кыргыз баласынын адамдык парзы, асыл мүдөөсү болуп келген. Бүгүнкү капиталисттик рынок мамилелердин кырдаалында өлкөбүз моралдык кризиске кабылып, жан кейиткен терс көрүнүштөр кездешип жатса да, ата-энени пир тутуп, урматтоо адеби, ыймандык салты бүгүнкү тукумдарда уланууда. Мисал иретинде Евразия жылдызы Гүлжигит Калык уулунун сөзүнө кулак түрөлү: «Албетте, ата-эненин эмгегин ар бир бала жогору баалаш керек. Мен дагы тапкан табылгам, жеткен ийгилигим баардыгы ата-энеме гана таандык деп эсептейм. «Евразия жылдызы» долбоорунан жеңген сыйлыгымды толугу менен ата-энемдин колуна тапшыргам. Себеби, бул алардын сыйлыгы. Мени ушул жарык дүйнөгө алып келгени, татыктуу тарбия бергени эле канча мээнет. Ушул сыйлык менен ата-энемдин милдетинен кутулдум деп айта албайм. Өмүр бою кызматымды кылып, ийгилигимди бөлүшсөм дагы энемдин ак сүтүн актай албайт чыгармын» («Жаңы ордо» гезити, 2012-жыл, 18-май). Манастын урпагы деп дал ушул Гүлжигитти айтыш керек. Ал эми 2014-жылы октябрда дүйнө биринчилиги үчүн самбо боюнча Түштүк Кореяда өткөн эл аралык спорттук мелдеште  алтын медал алып, биринчи байгени жеңип, чемпион болгон 18 жашар Тилек Аманкулов кабарчынын: «Күрөшүп жатканда биринчи эле оюңа эмне келди» деген суроосуна, «жеңилип калсам, апама эмне дейм? деген тынчсыздануу пайда болду» деп жооп берип отурат («Кут билим» 24.10.2014). Демек, кыргыз менталитетинде эне деген улуу түшүнүк мурдагыдай эле ыйык саналып, уулдун ар-намысынын чен-өлчөмү катары жашоосун улантууда. Буга кыргыз поэзиясындагы соңку кезде жаралган төмөндөгү элегиялык маанайдагы сагынычтуу, армандуу, муңайымдуу ыр саптары да күбө өтүп турат:

Сени да тооруп бир күн ташбоор ажал,   Аргасыз балдарыңдан бөлүнгөнсүң.  Бирок да ордуң апа, бейитте эмес,   Түбөлүк менин куттуу төрүмдөсүң.       Чын сырым, сени жерге бербегемин,   Апаке, жүрөгүмө көмүлгөнсүң!…

Эне менен ата эгиз түшүнүктөр. Кыргыз социумунун ичинде бул түшүнүктөр эч убакта бири-биринен ажыратылып каралбайт. Кыргызда эне менен катар эле  Ата түшүнүгүнүн статусу да өтө жогору. Буга кыргыз элинин «Ата – алтын  түркүк», «Ата – аскалуу зоо», «Ата арбагы – ыйык», «Атанын сөзү – акылдын көзү», «Ата – өчпөс чырак, Эне – соолбос булак» деген макалдары күбө. Кыргыздын түшүнүгүндө бала атанын руханиятынын уландысы, мурасчысы. Уул-кыз үчүн ата – тутуна турган тутка, кармана турган туу.

Азыркы глобалдашуу заманында коомдо антисоциалдык,  деструктивдик  жорук-жосун, жүрум-турум арбып, адамзат адеп-ахлак  кризисине  дуушарланып турган чакта тарбия-таалим системасы адамды арууланта турган моралдык үлгү-моделди көшөрүп издеп жатат. XXI кылымдын жана келечектин адамы кандай болуш керек дегенде, биз минтип айткыбыз  келет: XXI кылымдын  адамы кыргыздардагыдай эне менен атаны пир тутуп, терең урматтаган инсан болуш керек. Ушул улуу адамдык асыл касиетсиз инсанды, ал канчалык билимдүү болсо да, айга, космоско учса да, баары бир адам болду деп  айтышыбыз мүмкүн эмес. Ата-энесине чүйлүсү менен карап, аркасын салган, апасынын ак сүтүн унуткан киши, ал болгону кош аяктуу социалдык макулук.  Эне-атага болгон сый-урмат, ак жаркын мамиле, аларга өзүн түбөлүк карыздар сезип жашоо – бул адам болуунун чен өлчөмү. Адам болуунун кыргызча МОДЕЛИ. Мындай адеп-ахлак дүйнөлүк этиканын казынасынын алтын кенчи.

Акырында, корутундуга келели. Улуу акын Нурмолдо «Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо» дейт. Туура айтылган ой. Эгерде кишинин ыйык көрүп, сыйынган нерсеси болбосо, ал жер менен жер болуп, «боортоктоп сойлогон» макулукка айланары да чын. Тээ байыркы Манас заманынан, Орхон-Энесай доорунан бери карай кыргыз элинин сыйынар нерсеси болуп келгенин, кыргыз баласы эне-атаны туу тутуп жашаганын көрдүк. Кыргыз ошол үчүн кыргыз. Эне менен атаны урматтоосуз – кыргыз жок, керек болсо. Бул салт, бул сыйынар дөөлөт – кыргыздын руханий цивилизациясынын улуу көрсөткүчү, улутубуздун уңгулуу наркы. Биз, өсүп жаткан муундарыбызды ушул рух цивилизациябыздын салтында, айкөл Манас атабыздын эне менен атага сыйынган улуу адептик-ыймандык дөөлөтүнүн үлгүсүндө тарбиялоого тийишпиз.

II. БАЛА – АТА-ЭНЕНИН ГАНА ЭМЕС, АТА-ЖУРТТУН ДА ҮМҮТҮ

(«Туяктын» туулушунун кыргызча маани-маңызы)

«Манас» эпосунун баш жагында Алтайдагы сан жылкылуу бай Жакып  моминтип арман кылып турат:

Жаш күнүмдөн мал жыйдым,

Бала менен ишим жок,

Жүргөнүм менин чала экен, Дүнүйө ээси бала экен.

Артында бала жок болсо, Дүнүйөсү курусун,

Бузулуп калган калаа экен.

Тутунарга туяк жок,

Тууганынан айрылган,

Журтта мендей чунак жок,

Карманарга туяк жок, Канатынан айрылган, Калкта мендей чунак жок.

Долоно саптуу айбалта,

Муну толгонтуп ийбей ким аштайт? Бу тозуп жүргөн көп журтту, Томсортпой муну ким баштайт?

Кара жаак  айбалта,

Муну кайкалатпай ким аштайт? Камоодо жүргөн калың журт,

Муну капа бир кылбай ким баштайт?

Жакшылап үңүлсөк, Жакып байдын арманын көркөм шөкөттөгөн бул эпикалык саптарда дегеле бала жөнүндөгү өзүнчө бир философия чөгүп жатат. Бул конкреттүү бир адамдын арманы болгону менен, ал арман аркылуу бүтүндөй бир доордун, жамааттын дүйнөгө көз карашы чагылдырылып турат. Эгерде биз Жакыптын арманына жалпы эле түрк маданиятынын контекстинен карай турган болсок, анда анын маани-маңызы ого бетер дааналана түшмөк.

Бала көрбөй, перзенттен көзү катып, бу дүйнөдөн «туяксыз» өтүп бараткан атанын арман-күйүтү чыгыштын, анын ичинде түрк калктарынын фольклорунда арбын кездешет. Теңирден перзент тилеп көз жашын көлдөткөн, дубана болуп, жер-суу кыдырып зарланган аталардын образдары «Коркут ата», «Кобланды», «Алпамыш», «Муңдук, Зарлык» сыяктуу дастандарда, поэмаларда, түрк элдеринин көптөгөн жомокторунда, уламыштарында, анын катарында кыргыздын далайлаган элдик  чыгармаларында таасын жана таасирдүү сүрөттөлөт.

Маселен, «Муңдук, Зарлыкта» туяксыз Жанчаркан «өзүмдөн перзент болбосо, кандык доорум курусун, тоого да бердиң баланы, ташка да бердиң баланы, эй, жараткан Кудай ай, тындырбадың санааны»,– деп арман кылып, Теңирге  зарын айтат.

Түрк фольклорунда баласыз, «туяксыз» атанын айлана-тегерегиндегилер тарабынан кодуланып, өгөйлөнүп кордолгон, тебеленип-тепселген учурлары да аз эмес. Мисалы «Коркут-ата» эпосунда Байындар хан аттуу огуз уруусунун ханы ала-тоодой эт кылып, ала-көлдөй чык кылып, чоң той берет. Байындар тойго үч түрлүү өргөө тиктирип, уулдууну ак өргөөгө, уулу жок кыздууну кызыл өргөөгө, баласыз «куу баштарды» кара үйгө түшүргүлө – деп буйрук кылат. Байындар хан тойго келген Дерсе хан аттуу бекти жигиттери менен кара кийиз төшөлгөн, кара желек тагылган кара үйгө киргизип, кара койдун этин тарттырат. Мындай басынткан, кордогон мамилеге чыдабай, катуу ызаланып, кара үйдөн чыга качып, Дерсе хан ичи өрттөнүп, көзүнүн жашын он талаа кылып, үйүнө кайтып келет. Ал эми кыргыздын «Көчпөсбай» аттуу жомогунда чоң тойдо той ээлеринин «балалууга казы менен карта тарт, баласызга какчеке тайдын башын тарт» – деп шылдыңдаганы перзентсиз Көчпөсбайга катуу тийип, ал ызасына чыдабай Тору айгырына мине салып, бийик дөбөгө чаап чыгып барып, Кудайга үнү жетип бакырып ыйлайт. Көчпөсбайдын «Мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулуп ыргытып» ыйлаган арман-күйүтүнүн күчү чыгармада өтө күчтүү көркөм сөз менен берилген:

Өйдө карап өкүрсө,

Көк айрылып кеткенде…

Жакып өзү кырк миң жылкылуу бай. Бирок «Муңдук, Зарлыктагы» Жанчаркан жанагинтип «өзүмдөн перзент болбосо, хандык доорум курусун» деп айткандай, Жакып да артында бала жок болсо «чайнаганым май болгону» курусун, ошол өрүш толгон малыма, короо толгон коюма ээ болуп калар («Кунаным жүрөт кур болуп, кууп минер балам жок, оболоп учкан ак шумкар, таптап салаар кишим жок») туягым болбосо, мендей жашаганы чала, канатсыз чунак кайда бар деп кайгы жеп турат. Жакып үчүн мураска ээ болуп калар тукум жок болсо, адамдын өмүрү маңызсыз. Байлыгыңдын да, бийлигиң да мааниси жок («Акыретке бет алсам, алтын, күмүш пул калат, айдаган малга ээ болуп, Алтайдан келген кул калат»). Туяксыз куу баш өткөн пенденин өмүрүнүн акыры «бузулуп калган калаа». Жакыптын түшүнүгүндө жарык дүйнөнүн ээси, туткасы – бала.

Кыргыз адамы үчүн бала деген нерсе баарынан мурда, мындайча айтканда, социалдык-нравалык категория. Мына ошондуктан жогорудагы бай Жакып өзүнүн муңзарында жөн гана эненин этегинен түшчү «кызыл этти» эмес, келечектеги моралдык жанды, кунанын кууп  минээр, кушун таптап салаар тукумду, долоно саптуу айбалтаны аштаар, тозгон журтту томсортпой баштаар уулду тилеп отурбайбы.

Ушул духта Жусуп Баласагындын «Куттуу билиминде» да мындай накыл бар: «Эл ичинде бир макал бардыгы ырас, уулуна – ата абийири, ысымы мурас». Демек, кыргыз-түрк жамаатында уул туулунун өзү эне-атанын  бийик иштерге болгон наказы катары түшүнүлгөн. Журттун кызыкчылыгына багыттанган жамаатчыл ойлом кыргыз баласынын кан-жанына ушунчалык сиңген, атүгүл бешик терметип жаткан эне дагы перзентке моминтип ырдап турат:

Алдей-алдей ак бөпөм,

Ата-салтын уланткын,

Ардактап элиң кубанткын,

Баатыр болгун, эр болгун,

Кабылан болгун, шер болгун.

Дал ушундай «туякка» кеңири караган элдик философия Жакыптын да аң-сезимине, кан-жанына астыртан сиңген. Ошондуктан баланын кайгысы жөнүндө ойлонуп жатып, ал аны менен кошо элдин көйгөйү тууралуу да тогуз толгонуп турат. «Туяк» жөнүндө башына ой келсе, тууган эл жөнүндө ой да кошо келет. Жакыптын ички арман-зарынын тереңинде, эгер Теңир боору ооруп, жакшылыгын берип, перзенттүү болсом, ал туяк-тукумум конушума гана кожоюн болбой, айбалтаны аштоочу, калың журтту баштоочу, мекенинен ажыраган шордуу элиме арка-бел болуучу эрен болсо атаганат, мен үчүн да, эл үчүн да төрөлсө гана деген тымызын тилек бугуп жатат. Атанын мына ушундай жалгыз Жакыпка гана эмес, жалпы жамаатка тирек болор туяк тууралуу тымызын тилеги, илгери үмүтү анын уктап жатып көргөн түшүнөн да туюлуп турат. Куубаш ата түшүндө «куйрук-башы жаркылдаган, куштан башка үнү бар, куудан аппак жүнү бар, чырымтал жүнү чылк алтын, тумшугу болот тунжурдай, текөөрү болот темирдей, тырмагы болот канжардай, асмандагы канаттуулар айбатынан уча албаган, жердеги аяктуулар жылып чыгып кача албаган» керемет бир кушту кармап алып, жибектен боо тагып, багып алат.

Бул түштөн перзенттен көзү каткан Жакыптын психологиясы айкын көрүнүп турат. Анын бала жөнүндөгү ички кусасы, болгондо да татыктуу тукум тууралуу эңсөөсү ушунчалык деңиз, ал кусалык, жалындаган үмүттилек түшүндө кубулуп, таңыркаткан каймана образга айланып, шумдуктуу куш түрүңдө көрүнүп отурат. Бул фантастикалык куш – Жакып атанын да, журттун да кулуну, эпосто айтылгандай «ажыдаардай айбаттуу, арстандай кайраттуу» туяк жөнүңдөгү эңсөө-тилегинин түштө «материализацияланышы».

Жыйынтыктап айтканда, демек, биздин түрк элдерибиздин маданиятында, анын ичинде улуу «Манас» эпосунда тукум, бала, «туяк» жөнүңдө өзүнчө бир концепция берилген. Бай Жакып айткандай, «дүйнөнүн ээси – бала».

Бала – жашоодогу уламалуулуктун, өмүр кербенинин символу. Адамзат көчүнүн кыймылынын, диалектикасынын символу. Бардыгы балага келип такалат. Бала жок болсо жашоо соолуйт, коомдун көчү токтойт. Ал эми үй-бүлөдө «туяк» туулбаса жеке бир атанын тукуму үзүлөт, муундар учугу уланбай өксүйт. Бул – айтып бүткүс трагедия. Ошон үчүн тирүүлүктүн, жашоонун, өмүрдүн куну, куту – балада деп саналып отурат. Ал эми мындай куттан, кундан ажыроо коркунучу, алдыда турган бул өңдүү трагедияны сезүү, туюнуу жамаатта Жакыптын арманындай арманга алып келиши мыйзамченемдүү нерсе. Жакыптын арманы философиялык арман.

VII–VIII  кылымдарда жаралган «Коркут ата» китебинде мындай делет: «Ата баркын көтөрө албас барксыз уулдун  ата белинен  өнгөнүнөн өнбөгөнү жакшыдыр. Эне боюна бүткөнүнөн бүтпөгөнү жакшыдыр».

Кыргыз ичинде да момундай макалдар, таасын айтылган накыл кеп, учкул сөздөр те байыртан бери карай жашап келет: «Уул жаманы – уйгак менен тең»,  «Кишиден кийин, иттен илгери», «Жаман уул жакшы атанын наамын булгайт», «Уулуң жаман болсо өмүрүң кыскарат», «Жаман уулдун барынан жогу».

Жеңижоктун көркөм мурастарынын мазмунунан балага байланышкан өзүнчө бир педагогикалык-этикалык философия чыгып турат. Акын «Балам жок» деген ырында «О дүйнө көздөй жол тартсам, ордумду басар уулум жок» деп кайгырган. Бирок терең аңдай келсек, Жеңижок үчүн бала деген маселе жөн гана атанын биологиялык уландысы туурасындагы маселе эмес, чоң социалдык-педагогикалык, философиялык проблема экенин баамдайбыз. Акындын «Балам жок» жана башка чыгармаларынын маанисине үңүлүп отурсак, бала биринчи иретте ата-эненин руханиятынын уландысы болуш керек. Ошондо гана уул атанын конушуна түркүк боло алат. Түркүк болгону ушул, атанын жакшы иштеринин изине түшүп, рух жолун улап, элдин ишине жарап турса, калктын алкышын алып турса, башкаларга жакшылыгы тийип турса. Уул «аргымак минип дуулап, адырдан коён  уулап» жүрүш үчүн эле туулбайт, уул деген «каттаса атанын кан жолу, кармаса оң колу, сүйлөсө таңдайы, сүйүнсө маңдайы, жылдыздын жетиси, кыргыздын жетиги» калктын уулу боло билсе гана уул деген атын актай алат. Демек, Жеңижоктун ою боюнча уулдун дүйнөгө келүү миссиясы жөнөкөй эмес, бийик, жогору. Уул татыктуу болсо – ата өлбөйт. «Кымбат баалуу жакут таштай жакшы уул» («Үй-бүлө» ырынан) – атанын, эненин өлбөстүгүнүн символу. «Өзүңдүн ордуң жоголбойт, өнүп-өссө балдарың» («Терме» ырынан).

Ушундай ойдун артынан удаа Жеңижок тарбия маселесин да олуттуу козгогон. Анткени, Жеңижоктун педагогикалык көз карашында баланы кичинекейинен жакшы жолго салам деген ата-эненин чоң аракети болмоюн күткөн натыйжа келмек эмес.  Жеңижок «Айтамын санат тобуңа», «Үй-бүлө», «Жаман уул, жакшы уул» деген ырларында  баланын түп келечегин ойлоп, аны жаш кезинен жакшы иштерге, адептүүлүккө, тартипке, эмгекчилдикке, үйрөтүп, абийирин төгүп, катуу тилдебей, жаман жорук-жосундардын таасиринен алыс кармап өрнөктүү тарбия-таалим берүүнүн зарылдыгын баса айтып турат: «Таалимиң берип уулуңа, таасирдүү жумуш кылгын да» («Айтамын санат тобуңа»). Демек, Жеңижоктун ою боюнча баланын жакшы адам болуп калыптанышында ата-эненин берген изги тарбиясынын ролу зор. Өз кезегинде уул да өзүнүн ата-эненин, элдин алдындагы парзын, жоопкерчилигин сезип, татыктуу адам болууга умтулушу керек. «Умтулсаң жакшы жүрүүгө, узарат жаштар кадамың», «жакшы болоор уулуң, он төртүндө октолот, он бешинде токтолот», – дейт Жеңижок. Уул-кыздын адеп-ахлагынын баасы – ата-энеге көрсөткөн ызаатына, урмат-сыйына жараша бааланат. Кыргыз элинде илгертен ушундай болуп келген. «Ата-энесин сыйлабас, өз уулунан кордук көрөт».

Жыйынтыктаганда «Манас» баш болгон маданиятыбызда жарыкчылыкка төрөлгөн баланын,  туяктын мааниси, дегеле коомдо адамдын өмүр-жашоосунун маңызы эмнеде деген социалдык – философиялык, моралдык суроо – маселе менен тыгыз байланышкан. Жакыптын арманы жана «Манастын» өзү жашоонун маңызы – адамдын өзүнөн жогору турган бир бийик элдик, гуманисттик мүдөөидеяларга кызмат кылып күн көргөндүгүндө тургандыгын каңкуулап турат. «Манаста» баланын башынан кечире турган өмүр жашоосу дал ушул философиянын турнабайы аркылуу каралып, бийик адеп-ахлак таразасы менен өлчөнөт. Туулган «туяк» жер үстүндө кош аяктуу макулук, кыбыраган көрпенде болуп эмес, айланасына жакшылыктын жарыгын чачкан нурпенде болуп жашоого тийиш. Өз көмөчүнө күл тартып, кара башынын кызыкчылыгынан башканы билбеген Абыке, Көбөштөй, Көзкамандай пенде болуп жашоонун жамаат үчүн маңызы, куну жана куту жок. Көзкамандай, Көбөштөй «туяктын» «эне боюна бүткөнүнөн бүтпөгөнү» артык дейт, «Манастын» логикасы.

Мына ушинтип, «Манаста» перзент аттуу «биологиялык жан» эл-жер, мекен, салт, мамлекет, рух деген чоң түшүнүктөр менен жуурулуштурулуп каралат. «Перзент энеден туулат, эл үчүн белин буунат». Эпостун «туяк», «бала» жөнүндөгү философиясы ушул элдик акылмандыктын нугунда турат.

Бүгүнкү жеке менчик институтуна сыйынган рынок заманында, турмушка коммерциялык-бухгалтериялык, пайдакечтик-эсепчил жана муздак технократиялык мамиле баш көтөрүп, эл, мекен, журт кызыкчылыгы деген чоң түшүнүктөр урматталбай, чындык, акыйкат, ыйман аттуу ыйык нерселер тебеленип, роботчо ойлонгон маңкурттар арбып, үлүлчөсүнөн «кабыгынын» ичине кирип кеткен өзүмчүл, индивидуалист жандар көбөйүп, материалдык байлыктын культу өсүп, ун тапкан, пул тапкан балдар ардакталып, криминал «авторитеттер» барк күтүп, адепахлак кризисинин арааны жүрүп турат. Эгерде ушундай бийик патриоттук мүдөөлөрдөн жана моралдык идеялдардан ажыраган, күнүмдүктү гана ойлогон, улуттук стратегиялык багыты жок, жеке кызыкчылыктарды туу кылган тукум-туяктардын өзүмчүл ойлому жана жүрүмтуруму мындан ары карай чек билбей өсө бере турган болсо, кыргыз мамлекетинин руханий пайдубалы бара-бара урап түшүшү мүмкүн. Мына ушундай опурталдуу кыйын шарттарда улуттук менталитетибиздин коом жашоосу үчүн фундаменталдык мүнөзгө ээ мекенчил, жамаатчыл, ыймандуу бала, тукум-туяк туурасындагы философиясын биз кайрадан кабыл алып, Манас атасындай «эл үчүн белин буунган» мекенчил патриотту калыптандыруу мүдөөсүн үй-бүлөдөн тарта коомдук мекемеге чейин бекем тутунуп, таалим-тарбия ишин системалуу жүргүзүүнү колго алуу бүгүн аба менен суудай зарыл.

  1. ЭРКИНДИК – Кыргыздын эң жогорку асыл наркы, Манас Атанын сыйынган дини

Бу аккан дүйнөдө көйгөлөр көп. Адам коомунда андан бетер. Көйгөйдүн артынан көйгөй, маселе артынан маселе чыгып турат. Ооба, туура, ата-журтуң бар, элиң бар. Бирок бул экөөнүн бакыбаты үчүн бир чоң нерсе зарыл экен. Ата-журтуң азаттыкта, элиң көз карандысыздыкта, эгемендүүлүктө болсо гана элиңдин, жериңдин маани-маңызы да, көркү да, бактысы да болот экен.

«Манас эпосунда» жоокер кыргыз эли «бөрү жалдуу кабылан», ал эми Манас болсо, «арстан», «ала барчын бүркүт» делип мүнөздөлөт. Чын эле, кыргыздар тоо бүркүтү сыяктуу эркиндикти сүйгөн эл. Тоо бүркүтү башына томого кийгизилишин каалабайт, чырганын туткуну болгусу келбейт. Дегеле, байыртан берки тарыхыбызга карасак, чоочун үстөмдүккө баш ийбеген бунтарлык, моюн толгоп, каяша айткан кайраткерлик кыргыздын социалдык мүнөзүндө илгертен бар экендигин байкайбыз. Биздин замандын 7-8-кылымдарынын чектеринде көк түрктөрдүн империясынын үстөмдүгүн кабыл албай, ага каршы тымызын козголоңду даярдап жаткандыгы үчүн кыргыз каганы Барсбек империя күчтөрү тарабынан капысынан түн ичинде өлтүрүлгөн (711-жыл). Көк түрктөрдүн империясы кулагандан кийин анын ордуна орногон уйгурлар империясынын кулчулугуна каршы 20 жыл бою күрөшүп, акыры ал империяны кыйраткан да кыргыздар болгон (840-жыл). Ата бабаларыбыз чоочун күчтөргө сурак берип жашаган кулчулуктан керек болсо, өлүмдү артык көрүшкөн. Мына ошондуктан элибиздин ичинде «Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт», «Эр – намыстын кулу», «Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек», «Мал сактаба – ар сакта», «Баатырдын баш ийгени – өлгөнү», «Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт» деген макалдар жашап калган. «Кыргыз эли мындан 2000 жыл илгери кыргыз атагын алып, тарыхый майданда пайда болгон. Ошо күндөн тартып, ал боштондук үчүн миң-миңдеген жоолор менен беттешип келген.

Кытайдын жана арабдын байыркы тарыхчыларынын сүрөттөшүнө караганда, кыргыз эли боштондукту сүйгөн, жоодон коркууну өлүм менен бирдей көргөн каарман, баатыр эл болгон. Байыркы кыргыздардын закону урушта жоодон корккон аскердин башын кесүүнү талап кылган. Кыргыз эли боштондук үчүн кытай феодалдарына, моңгол хандарына, түрк каганатына жана башка залим падышаларга каршы эки миң жыл ичинде токтоосуз күрөшкөн. Кыргыз эли тарыхта дүйнөнү титиретип, эл-журтту канга батырып кеткен гунндарга, түрктөргө, Чынгыс-хан баш болгон монголдорго бой бербестен, дайым көтөрүлүштөр чыгарып турган. Дүйнөнү титиреткен.

Моңголдор да кыргыздардын тайманбас эрдигине таң калып, аларды «Могулустандын жапайы арстандары» деп аташкан. Түрк кагандары болсо, «биздин эң күчтүү душманыбыз кыргыздар эле» деп моюнга алышкан. Элдин улуу эпосу «Манаста» да кыргыздардын душмандары бул элдин айбатын, салтанатын көргөндө, таң калгандыгы айтылат. Кыргыздын колун «Бадана кийген баатырлар», «Соот кийген сонундар», «Айбатына жан тургус», «Болот туяк ажыдаар» деп сүрөттөшөт. Кыргыздын эр жигиттери дайым «эл четинде,  жоо бетинде» болуп, каармандыктын, баатырдыктын үлгүлөрүн көрсөтүшкөн». (Рахматуллин К., «Улуу патриот, укмуштуу Манас». 5-6-беттер.)

Ушул патриоттук ар-намыстын духуна сугарылган макалдардын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Азыркы эле

«Баатырдын баш ийгени – өлгөнү» деген макалга карасак, Манас атабыз ушундай нуктагы ишеними жана жүрүмтуруму жагынан бала кезинен эле айырмаланган.

Бала баатыр Манастын кабары Бээжиндеги император Эсенканга жетет. Калмактын Тагылык дегени: «баатырдын баарын сомдоду, балбандарың сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду», деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсенкан: «Айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел»,– деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой дөөнү баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Жолой, дөө-шаалары менен Алтайдагы азганактай кыргызга заматтын ортосунда каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы бириндеп, тула-бою дирилдеп, Жакып чал Манаска: «Айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели» – дейт. Ошондо Манас Жакыпка мындай дейт: «Кокуй, ата, не дейсиң, жоого, намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин! Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин, калкым кыргыз, сен үчүн, курман болуп кетейин, найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам!» Мына ошентип, жаш Манас жоо-жарагын байланып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, өзү келип катылган жоонун таш талканын чыгарат.

Жалпы журттун өзөгүн тепчип өткөн, аны ичтен чыңап, чыйралтып турган өзөктүү, чордондуу идеялары бар болгону үчүн кыргыз эли эзелтеден бери карай эл болуп жашап келе жатат. Ошондой кыргыз элинин тээ байыртан бери карай көңүлүнүн түпкүрүндө, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, туу тутуп келаткан, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык идеясы – бул ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, Ата Журттун көз каранды эместигинин, боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн идеясы. Манас доорунда дал ушундай идеялык-моралдык абсолюттук улуттук эң жогорку дөөлөттү көкүрөк көөдөнүндө, жүрөгүнүн толтосунда көтөрүп жүргөн Манас баатырдын өзү болгон. Манас тарыхый доорлордун бир тилкесинде жашаган тарыхый инсан экендиги шексиз. Манастын өмүр баяны, баатырдык даңазасы бара-бара легенда сөзгө айланып, акыры ал эпостун каарманы болуп жашап калган. Бекеринен тарыхчы-окумуштуу Н.Бернштам: «Манас эпосу көркөм чыгарма гана эмес, кайталангыс тарыхый повесть дагы», – деп жазган эмес.

Эркиндик деген нерсе, абдан татаал, терең маанилүү категория. Эркиндиктин маани-маңызын түшүнүү үчүн руханий аң-сезим жактан адам белгилүү бир тепкичке чыгышы керек. Адегенде инсан катары ойгонушу, инсан катары түзүлүшү керек. Эркиндик философиясын кимдир бирөө даярдап туруп, белен түрүндө Манаска белеке берген эмес. Элдик руханияттын өзөгүндө илгертен жашаган боштондук түшүнүгүн кабыл алууга, түшүнүүгө Манас ич жактан жетилип өсүп отуруп келген.

Бала Манас эпосто «Пендеден артык туулган», «баш териси, турпаты башка» делип мүнөздөлөт. Ошол табиятынан өзгөчө артык жаралган, «турпаты башка», оргуштаган акыл жөндөмү менен Манас кулунчак кезинен эле алдыга суроо коюп, собол таштап, жооп издөөгө, жашоо-турмуш маселелерин талдап-талкуулоого ык алып, тарбиячылардын берген багытын чап кармап, зарыл коомдук-турмуштук түшүнүктөрдү бат кабылдап, тез түшүнүп, тереңдеги себептерди, тамырларды аңтарганга, алысты чапчып акыл тегереткенге адат алган. Бекеринен бала Манас жөнүндө «Хан Жакып айтып болгону, кайышып бала толгонду» делип эпосто айтылып жаткан жок.

 «Ай, атаке, деп айтат, абалыңда кол салып, сизди келип камалап, урган калмак турбайбы». Кулунчак Манастын оозунан чыккан ушул сөздөр, койгон суроосу, атасынын айткан тарых сабактарын анын жөн гана пассивдүү кабылдап отурбагандыгын, тескерисинче, ынтаалуу, активдүү кабылдагандыгын, жаш Манастын баш мээси кыймылдап, ичинде ойлонуу, толгонуу түйшүгү жүрүп, тарбиялануучуда субьективдүүлүктүн өсүш алып жаткандыгын астыртан күбөлөп берет. Бала Манас эпикалык жоо-калмак-кытайды «зордукчу» деп аныктайт. Мунун өзү Манастын акылында талдоо, баа берүү, этикалык ой толгоо процесстеринин жүрүп жаткандыгынын айгинеси. «Калмактан коркуп калтырап, кытайдан коркуп кылтылдап, жүрсөм Кудай урбайбы» деген сөздөрүнөн Манастын жигиттик, патриоттук ар-намыс сыяктуу чоң түшүнүктөрдүн айланасында талыкпай ой чуркатып отуруп, баскынчы душманга каршы жалтанбай күрөшүү жөнүндөгү чечимге бекигендиги ачыкка чыгып турат. Ал эми «куу дүйнөнүн түбүнө, куусаң кантип жетесиң» деген сөздөр акылгөй жаш баатырдын күн тартибинде турган патриоттук маселелер жөнүндө гана эмес, бу тирүүлүктүн дайымкы, түбөлүктүү көйгөйлөрү тууралуу да далай жолу ойго чөмүлүп, акыл азабын тарткандыгын байкатып жатат. Бул дүйнөнү «куу дүйнө» деп атаганы Манастын философчосунан да ойлонуп-толгонгондугуна айгак болот.

Акыры өз эли-журтунун кайгылуу тагдырына күбө болгондон кийин акылгөй жаш баатыр төмөнкүдөй логикага келип такалбай койгон эмес. Ата конушуң, элижуртуң жоонун, үстөмчүл кара күчтүн колунда болсо, булуттуу көктүн астындагы, муундуу чөптүн үстүндөгү өмүрүң кор, ичкениң ирим, жегениң желим. Этек-жеңиңди жайылтпай, канат-куйругуңду кыркып турушат. Дүмүрүң түбүнөн казылат, түркүгүң суурулат. Таманга басып жүн кылат, ачык күнүң түн кылат, койдой айдап кул кылат. Бу жарыкчылыкта бутту кенен сунуп, өз бир тууган жериңде атуул катары алчактап жашай албайсың. Эркин жериң болсо, эркин элиң болсо гана, өз тагдырыңа өзүң кожоюн болсоң гана сен бактылуу кишисиң. Бала кезинен терең ой жүгүртүүгө көнгөн Манас турмушту талдап келип, эркиндик деген нерсенин, боштондуктун, эгемендүүлүктүн жеке адам үчүн да, калайык-калк үчүн да, Ата-журт үчүн да тагдырга тете иш экендигин, анын бу тирүүчүлүктөгү фундаменталдык маанисин аңдап туюнууга чейин көтөрүлгөн. Өзүнүн тажрыйбасы, тубаса курч акылы жана гениалдуу интуициясы менен Манас эркиндиктин жашоонун тузу жана маңызы экендиги жөнүндөгү ишенимге ээ болгон. Эркиндиктин зарылдыгын туюнуу, аңдап сезүү – бул өзүңдүн жана элиңдин кулчулук абалын түшүнүү жана аны менен келише албоо, күнкор абалга чыдабоо, кулчулукка каршы бунт дегенди билдирет. Эркиндиктин маңызын чындап туюнуу жана боштондук үчүн күрөшкө чыгуу бул-адам духунун кулдук аң-сезимдин үстүнөн болгон жеңиши болуп саналат. Эркиндикти асыл нарк катары баалоого жетишүү – бул ошону менен бирге өзүнүн түркөйлүгүнүн, баёо дүйнө кабылдоосунун үстүнөн болгон жеңиш, өзүн өзү жеңүү деген сөз. Эркиндикти кеңири мааниде түшүнүү кажет. Манас өзүн өзү жеңген каарман.

Илгерки көчмөндүк-жоокердик доордо жашаса да, Манас баатыр дал жогорудагыдай рухий бийиктикке көтөрүлүп чыккан гениалдуу инсан-каарман. Ал үчүн атасы Жакыптын 40 миң жылкысы, сандыкка толо алтын-күмүшү кастарлап, ыйык санай турган нерселер эмес. Анын аң-сезими материалдык байлыктын кулчулугунан кутулуп чыккан. Манастын ыйык санап, сыйынган бир гана дини бар. Ал – ак калпак кыргыздын азаттыгынын, ата журттун эркиндигинин улуу идеясы.

Чыңгыз Айтматов «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу макаласында «Манастын» образдары жөнүндө «Тирүү реалдуу жашаган тарыхый адамдардай» деп реалисттик чыгарманы окугандай баа берген.

Кыскасын айтканда, эпостун сюжетинен жана окуяларынын логикасынан, подтексттерден Манастын инсан катары ойгонушун, анын акыл-эсинин өнүгүүсүнүн белгилүү даражадагы тарыхын, эркиндик идеясына келүү таржымалын көрө   алабыз.

«Жанды азат кылалы» – дейт Манас досторуна.

Бул акыл тереңдигинен оргуп чыккан өтө олуттуу сөз. Баатырдын терең логикасы боюнча жан азаттыгы болбосо адам пендеси да, эл да бейпилчиликте бутун кенен сунуп эркин жашай албайт. Өзүн эркин сезе албайт. Анан мына ушундай ички терең ишенимден чыгып, ар жерде чачылып калган кыргыз калкынын башын кошуу, бириктирүү, душманга каршы аёосуз күрөш ачуу, Ата- журтту боштондукка чыгаруу, элдин башын азат кылуу, эгемендүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү сыяктуу опол тоодой максаттарды, башкача айтканда, «чачылганды жыйноону, үзүлгөндү улоону, жоголгон жокту табууну, кулаалы жыйып куш кылууну, куранды жыйнап журт кылууну» – кечиктирилгис практикалык милдет катары өз алдына койгон. Бул милдеттер анын атуулдук, адамдык ар-намысынын, абийиринин иши болуп калган. Демек, Манасты түп жактан жандуу мүрөк суусундай азыктандырып турган күч пайда болду. Ал күч – Манастын ичтен карманып, туу тутуп, сыйынган ыйык идеясы, бардыгынан жогору койгон эң бийик дөөлөтү. Ал ыйык идеядагы айталы, ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, көз каранды эместигинин идеясы, Ата-журттун боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн, журт биримдигинин улуу идеясы. Манас ушундай улуу мекенчил идеяны өзөгүндө сары майдай сактап, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, көк асабадай желбиретип төбөгө көтөрүп, ушундай улут идеясы үчүн каруусун казык, башын токмок кылып, «тоодон кулаган таштай чимирилип», өрт кечип улуу патриоттук күрөшкө аттанган.

Мына ошентип, ак калпак элдин көз карандысыздыгы, азаттыгы, боштондугу идеясы Манас атабыз үчүн ыйыктын ыйыгы. Кыргызда ушул ыйык баалуулук таалимтарбия механизми аркылуу укумдан-тукумга өткөрүлүп турган. «Баласына атасы, энчи кылып берген сөз, жайнап түшсө мөндүрдөй, жалпы журтум терген сөз», – деп ырдалат «Манаста»:

Манас атанын эркиндик философиясы менен аба менен дем алгандай дем алып, анын патриоттук салтын уланткан Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек баатыр, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак баатырлар, Эр Солтоной, Балбай, Алымбек датка, Искак хан, Курманжан датка, Абдыкерим Сыдыков, Алымбек уулу Абдылдабек сыяктуу ондогон, жүздөгөн, миңдеген чыгаан патриот уул-кыздар элибиздин сыймыгына айланган. Манас ата «Атадан калган конушту, алдырсам Кудай урбайбы, ажалым жетип өлгүчө, туу түбүндө турамын!» десе, анын өрнөгүндө тарбия алган кийинки Курманбек баатыр «Тууган элдин убалы, мени кантип уктатат, ушуларды ойлонуп, кандай баатыр тынч жатат, эч душманга кор кылбай, элди асырап багабыз», деп кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө аттанууга кырк жигитин чакырып турат. «Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм» (Эр Солтоной). Ал эми Манас рухуна сугарылган Эшкожо уулу Балбай баатыр 19-кылымда «Элимди кул кылбайм, жеримди тепсетпейм»,– деп ант берип, чет элдик колонизаторлор менен өмүрүнүн акырына чейин күрөшкөн.

Кыскасы, эркиндик идеясын туу туткан Манастын «көк жал» урпактары баба салтын татыктуу улантышып, тарыхтын кыйын-кезеңдеринде боштондук үчүн «башта рын канжыгага байлашып», эл-журтка тирек болушуп, унутулгус өрнөктөрдү көрсөтүшкөн. Бүгүнкү эсенчилигибиз, эгемендүүлүгүбүз үчүн өткөндөгү улуу патриотторубузга милдеттүүбүз.

Бүгүнкү күндө биздин суверендүүлүгүбүзгө көз арткан эл аралык диндик экстремисттик жана улуттук маданияттарды бир көгөнгө тизип унификациялоого умтулган дүйнөлүк геосаясий күчтөр, глобалдашуунун, массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдары эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч туудуруп турат. Ушундай «устаранын мизинде оодарылган» (Арстанбек) татаал, карама-каршылыктуу дүйнөдө мамлекетибиздин түп пайдубалын бекемдөө, күч-кубатын чыңдоо, эгемендүүлүгүбүздү коргоо, күчтүү империялардын алкымына оп тартылып, улуттугубузду жоготуп албоо үчүн Ала-Тоонун ар бир атуулу Манас атаныкындай бийик мекенчил аң-сезим менен жана күжүрмөн күрөштүн духу менен жашоого тийиш.

  1. МЕКЕНЧИЛДИК

 (Ата-журттун, элдин алдындагы атуулдук парз, жарандык жоопкерчилик)

1

Мекенчилдик (патриоттуулук) кыргыз этикасынын борбордук категорияларынын бири. Мекенчилдик элжерге, Ата-журтка, өз өлкөсүнө болгон атуулдук сүйүү, аларга жан дили менен берилип, кызмат кылуу, мекен алдындагы жарандык жоопкерчиликти терең сезүү, бир боор эл-жер үчүн керек болсо, кара башты курман чалууга даяр туруу деген түшүнүктү берет. Дал ушундай мазмундагы мекенчилдик – өлкөнүн тиреги. «Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн Ата журт!» (Алыкул) деген жарандык рух мекенчилдиктин жогорку көрүнүшү. Ушундай патриоттук рух илгертен мекенди жоготпой сактап келген жана мындан ары да сактамак. Ата журтту , элди бийик курулган чеп, сепил, коргон сактай албайт, рух сактайт. Ушул мааниде алганда, Жоомарт Бөкөнбаевдин бизге калтырып кеткен патриоттук философиясы эске түшпөй койбойт. Ж. Бөкөнбаевдин элдик сюжетке негизделип жазылган «Чептен эрдин күчү бек» поэмасында төмөнкүдөй окуя баяндалат. Жоодон коргонуу үчүн курулуп жаткан чептин дубалы улам урай берет. Ошондо 90 жаштагы абышка алдыга чыгып, дубалга тирүү кишини кошо койсоңор чебиңер урабайт деп кеңешин берет. «Чепке мени көмгүлө, «Элдин керегине жарасам, арманым калбайт»,– деп он үч жашар бир жетим бала алдыга чыгат. Энесинин чырылдап ыйлаганына карабай, бала дубалга тирүүлөй коюлуп, ылайкум алкымына келгенде жанагы абышка кайрадан пайда болуп, буйрук кылат:

«Көмбөгүн бул баланы ачкын»,– деди,

Чеп курбай үй-үйүңө кайткын, – деди, Көтөрбө чеп коргондун кереги жок, Кордукка мындай балдар бербейт элди. Киришсе ким да болсо чеп тургузат, Чеп ылай, каптап кирсе душман бузат. Балдарың баары ушундай өсүп турса,

Багынтып бул жүрөктү ким коркутат!

Демек, дагы айталы, Ж. Бөкөнбаевдин жана элдик даанышмандыктын таалими боюнча эл-жерди жоодон коргой турган, сактай турган күч – кум-топурак, таштан тургузулган чеп эмес, көөдөнүн намыс тепкен, кайраты таш жарган эр жүрөк уул-кыздардын ар намысы. Мекендин душман ала алгыс бийик чеби – өрт жигиттер, бороонго төш тоскон баатырлар жана Жаңыл мырзалар. Чептен эрдик күчү бек.

Өз бир боор калкы үчүн жоо бузуп өтө алгыс чептин, сепилдин ролун аткарган Манас баатырдын өзү болгон. Ушул жерден улуу жазуучу Ф.Достоевскийдин: «Өзүнүн жеке пайдасын түк ойлобой, өз ыктыяры, жан дүйнөсүнүн, жүрөгүнүн чакырыгы менен көпчүлүктүн жыргалы үчүн өзүн курмандыкка чалып жаткан адамдан жогору турган асыл керемет барбы, бу дүйнөдө» – деген сөзүн эстебей коё албайбыз. Манаска эл, мекен алдындагы атуулдук жоопкерчиликти, парзды (долг) сезүүнүн, аң дап-туюнуунун тереңдиги, жогорку даражадагы патриоттуулук, мекенчилдик мүнөздүү. Бул сапаттар Бакайга дагы тиешелүү.

Бакай жаш чагынан тарта эле баскынчы душмандын таманы алдында тепселип, кор болгон Ата Мекени үчүн ар кайсы жерге чачылган эли үчүн күйүт чегип, бир боор эл-журтту кулдуктан куткаруу үчүн жоого каршы жол баштаар баатырдын кыргыз ичинен чыгышын эки көзү төрт болуп күтүп, эгер ошондой көк жал шер эл ичинен чыкса, аны менен «чалгынды бирге чалууга, доону бирге доолашууга, жоону бирге жоолашууга» даяр болуп, а түгүл ошондой шерди жер кыдырып, эл кыдырып издеп да келген. Армандуу Бакайдын төмөнкү атуулдук-жарандык күйүттүү толгонууларын толкундабай окууга мүмкүн эмес.

Кабарым билип отурган,

Кадырман кыргыз элим жок,

Уктап жатып түшүмдө

Каймана көрдүм Манасты,

Эптеп таап Манасты,

Муратыма жетүүгө,

Табалбасам Манасты,

Бул жалганчы дүйнөдөн Курман болуп өлүүгө…

Эмне үчүн Бакай курман болуп өлүүнү артык көргөн? Эгерде бир боор элимди кулчулуктан куткарар шер чыкпаса, андай шер менен биригип күрөшкө чыга албасам, кыргыз журту чачылып-чабылган бойдон акыры, жок боло турган болсо, анда эли-журтумдан ажырап, ата-мекенсиз бу жарык дүйнөдө жашоонун эч кандай мааниси жок, бу көрөкчө өлүп калган артык,– деп Бакай оор, трагикалуу санаага батып турат. Капыстан Алтай тараптан Манастын атагы дүңгүрөп угулганда, Бакай энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп: «Оо өчкөн отум тамган бейм, өлгөн жаным тирилип, Кудайым тилегимди берген бейм», – деп тебетейин көккө ыргытып, жаш баатырга кошулууга ашыккан.

Калайык-калкын бир бүтүн нерсе катары карап, өзүн ал бүтүндүктүн бир бөлүкчөсү катары санап, бүтүндүксүз өз өмүрүнүн маңызсыз экенин туюп, ошол бүтүндүктүн алдындагы уулдук парзын, жоопкерчилигин ичтен терең сезип, өз ыктыяры, жүрөгүнүн чакырыгы менен боштондук күрөшүнө көтөрүлгөн Бакайдын асылдыгы көз көрүнөө.

2

Кошой менен Бакайды рухий эгиздер дээр элек. Экөөнүн бир боор мекен, башына түн түшкөн бир тууган элжурт жөнүндөгү адамдык жана атуулдук толгонуулары, санаркоолору окшош. Кошойдун да эл тагдыры үчүн жоопкерчилик туюму күчтүү жана мекен алдындагы атуулдук парзын сезүүсү жогорку даражада. Кошойдун туюмунда империялык катаал үстөмдүктүн алдында кулчулукта жаткан кыргыз эли бүгүн ырыссыз. Бир боор калкы ырыссыз болуп турганда Кошой да өзүн бактысыз сезет. Ошон үчүн ал дайыма күйүттүү, армандуу, кайгылуу.

Ошон үчүн ал Алтайдан Ат-Башыга келген Манаска канкор Алооке баскынчынын калкка көрсөткөн кордугун, адам чыдагыс алымын, салыгын саймедиреп, кор болгон ата-журтка күйүнүп, сакалы ылдый жашын куюлтуп, аңгеме курат. Кошой үчүн эли-журтунун жоонун колуна өтүп, туткунда калышы, душмандын таманы алдында кулчулукта онтоп жатышы, эл коргогон эрдин, баатырдын өлүмүнө барабар нерсе. Калайыккалкы азаптын чеңгээлинде жатса, муну көрүп туруп, баатырдын тирүү басып жүргөнү – анын тирүүлөй көмүлгөнү. Кошойдун ар намысы ушунчалык күчтүү, кыргыз элинин күнкор абалы үчүн өзүн күнөөлүү эсептеп, мындан улам  ал жер үстүндө эр катары «тирүү өлүк» болуп жашап жүргөндөй сезет.

Ошон үчүн элди кулчулуктан куткараар Манас жарк этип капысынан Алтай тараптан көрүнгөндө, Кошой «Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды», деп энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, тебетейин көккө ыргытат. Жакын арада элдин эңсегенинин орундалышы, калкка ырыс-бактынын, эгемен тагдырдын кайра кайтып келиши Кошой тарабынан өзүнүн баатырдык абийиринин калыбына келиши катары туюнулат. Абийир деген нерсе, Кошой үчүн кимдир бирөөнүн кандайдыр бир жекече иши эмес, ал калк тагдыры менен камыр-жумур байланышкан олуттуу ыймандык категория. Мындан улам Кошойду «Манас» эпосундагы эң ыймандуу, эң уяттуу баатырлар дын бири демекпиз.

Манастын ички толгонууларына жана санааркоолоруна караңыз. Намысы тынчтык бербей: «Атым өчүп калбайбы, атамдан калган Ала-Тоо, Алтайдан калбай албасам», –  деп жаш баатыр дайыма ичинен толгонуп, азаптанат. Өз ата конушунун бирөөлөрдүн бийлиги алдында калганына катуу чычалап, ичи өрттөнүп: «Жердеп турат жеримди, ээлеп турат элимди, Текес менен Алооке, кетирип турат кебимди», – деп дамамат бармагын тиштеп, түтөп турат. Ала-Тоонун, Анжиян менен Кашкардын душмандын таман алдында жатышын өзүнүн жеке инсандык ар намысынын тепселип  жатышы катары туюнуп, эч бир жаны жай албайт. Анжиянды басып жаткан Алоокеден улам: «Атамдан калган жеримди, алдырып коюп Кытайга, аңкайып кантип турамын», «Кызыктуу жерди алдырып, кыргыз уулу болгончо, кырылып жатып калалык, кайтарып жерди албасак, кан жөткүрүп калалы», – дейт ал муштумун таштай түйүп. Мына, караңызчы, күчтүү эмоция менен коштолгон бул сөздөр атуулдук-жарандыкпатриоттук терең толгонуулардын жана санааркоолордун бийик көрсөткүчү.

Боштондук жөнүндөгү элдин эңсеген мүдөөсүн туюп, ошол зор мүдөөнүн эр азаматтын алдына койгон талапмуктаждыгын ичтен аңдап түшүнүп, патриоттук сезими алоолонуп жанып турган Манас – жарандык бийик аңсезимдүүлүктүн үлгүсү.

3

Манастын Ордосун талкалаган Абыке – Көбөш алты арамга кошулган Жакып чалынын, чыккынчылыгы менен келише албай, Чыйырды эне келини Каныкей тарапка өтүп, Көбөштүн чабуулу учурунда балтыр бешик небересин коюнуна катып, тоо-таштын, карагай-чердин арасына кирип,  Семетейди баш кесерлерден аман сактап калат. Негизинде Чыйырды эне уулу  Манас менен Каныкейди бир эле киши деп санаганы сезилип турат. Чыйырды үчүн Каныкей менен бир болуу уулу Манас менен, анын арбагы менен бир болуу деген кеп. Мына ошон үчүн тагдыр таразага түшүп турганда, 80деги жашына карабай, келинин колтугунан жөлөп, «Каныкей кулунум, белиңди байлап, кайрат кыл, атакең Темиркандын шаарына, тентип кирип кетели», деп кеңешин берип, өбөк болот. «Көбөш көр шүмшүк баштады, казандан бери талкалап, кайырчы кылып таштады, Ала-Көл элек саз болдук, Ала-Тоо элек  пас болдук», – деп арман кылган карыган Чыйырды  байбиче небереси Семетей үчүн тирүү жашагысы келет. Теңирим берген ушул чүрпөм аман болсо, атасынын арыгын улап чабаар, оогон жүгүн түзөөр деген үмүттө небересине  кара жанын чаап, аны ажалдан арачалап, алыскы чоочун өлкөгө тентип кетүүгө тобокел кылат. Чыйырды жаш аралаш небересине жалбарып турат:

– Өзөндөн аккан булагым, Өлөрдө көргөн чунагым..

Манастан калган мурасым,

Башымдагы паанайым,

Балтыр бешик Семетей – Маңдайдагы таалайым!

80 жашында ата конушун таштап, бели бекчейип, көзү чекчейип карыган кезде, үйдүн төрүндөгү тынчтыгы менен коштошуп, келини, небереси үчүн, чындык, акыйкат, адилеттүүлүк үчүн бороонду беттеп жолго чыккан Чыйырды эненин руханий каармандыгына таң калбай койбойбуз!

Чыйырды эне карыганда үй-бүлөсүндө трагедияга учурап, эки айрылыш жолго такалып, этиканын азыркы түшүнүгү менен айтканда, тандоо көйгөйүнө туш болгон. Тагдырды таразага салган дал ушул ТАНДОО кырдаалында Чыйырды эненин образы негизги кырынан ачылып көрүнгөн десек болот. Кенен караганда, Чыйырды эне «же», «же» деген катаал кырдаалда Ата-журтту, мекенди тандап алган. Кыргыз журтунун эркиндиги, аны колдон чыгарбоо, Манас уулунун мээнети менен курулган мамлекетти сактоо, жоготпоо идеясын көкүрөк-көөдөнүнүн түпкүрүндө алдейлеп алып жүргөн нагыз патриот аялзаты экенин анын  ушул ТАНДООсу айкындап койду. Абыке-Көбөш менен болгон конфликтте ак элечек байбиченин Каныкей тарапка өтүшүнүн, келини менен Букарга качышынын мотиви ушул улуу жарандык идеяда экени ачык туюлат. «Манастан калган мурасы» – Семетей анын жападан жалгыз үмүтү, алдыдан жанчу шамчырагы болуп калды.  Эне ушул улуу үмүттү ээрчиди. Биз 80деги Чыйырды эненин Букарга кетишин Ата журт үчүн  УЛУУ КЕТҮҮ деп айтар элек. Ал эми анын 90 жашында Манастын туусун желбирете турган Семетей небереси, Каныкей ханышасы менен Таласка кайтып келишин УЛУУ КАЙТЫП КЕЛҮҮ деп айтат элек. Манасты төрөгөн Чыйырды эне улуу патриот эне гана эмес, тунук абийир, бийик адеп-ахлак менен жашаган улуу жаран болгон.

Чыйырды, Ысмайыл менен бирге Букарда өстүрүп, кайра Семетей менен Таласка 90 жашында кайтып келип, Абыке – Көбөштүн бийлигинин кулашына, Манас мамлекетинин туусунун кайрадан желбирешине салымын кошкон, Манас уулуна «чычаладай күйүп бүткөнчө», өмүрүнүн акыркы тамчысына чейин кызмат кылган – демек, Ата-журтуна улуу кызмат өтөгөн Чыйырды энебизди кыргыз аялзатынын, кыргыз эненин мекенчилдигинин өлбөс-өчпөс үлгүсү.

Жыйынтыктаганда, «Манас» эпосундагы Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Кошойдун жана башка баатырлардын тарыхтын «тар жол, тайгак кечүүлөрүндөгү» башты канжыгага байлаган каарман күрөштөрүнө күбө болуп туруп, тагдырдын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн  түшүп, өлөйүн десең жан таттуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде, дал ушул жогорудагыдай баатыр, акылман уул-кыздар элжуртуна  өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, улутту сактап келгендигине дагы бир жолу ынанабыз жана элдин келечеги үчүн өрт  кечип, арыбас мээнетти, нечендеген драмаларды жана трагедияларды баштан кечирген ата-бабаларыбызга  кийинки урпактар милдеттүү экенибизди терең туюнбай коё албайбыз.

Сөз соңунда бүгүнкү күндөгү мына бу жагдайга акыл токтотуп, анан бүтүмгө келели. Чынын айтуу керек, азыркы капиталисттик рынок мамилелеринин шарттарында, экономикалык кыйынчылыктардын жана моралдык кризистин кырдаалдарында массалык аң-сезимдин деңгээли төмөн түшүн, ар ким көртирликтин убаракерчилигинде өз кызыкчылыктарынын артынан кубалап жашап жатат.

Бир түндүккө башы бирикпей, ар кайсы жерде чачылган ууктарды элестеткен бул жагдай улуттук турмушубуз үчүн опурталдуу. Мындай жагдайдан улам айтар сөз, «Манастагы» жогорудагыдай эл-журттун жалпы кызыкчылыктары жөнүндө күйүп-бышып ойлонгон, мекен алдындагы атуулдук парзды терең сезген, Алыкул акын айткандай «Сен ооруба, мен ооруюн ата журт» деген философия менен жашаган, көпчүлүктүн жеңиши жана жыргалчылыгы деп күч үрөгөн күжүрмөн азаматтык асыл сапатка эгедер Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Чыйырды сыяктуу улуу мекенчил ата-бабаларыбыздын, энелерибиздин нравалык бийик өрнөгү бүгүнкү күндө жогорку даражада актуалдуу жана таалим-тарбия үчүн «Миңдин бири». Республикабыздын ар бир жараны Манас рухунун нугунда кайра жаралып, Манастай коомдук парздын адамы боло билип, айкөл атабыздын мекенчил патриоттук принциби менен жашоого көчкөндө гана эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздүн рухий пайдубалы бекем болуп, өзүбүз да, өлкөбүз да өнүп-өсмөк.

Манастын, Бакайдын, Кошойдун: «Чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы, бузулганды курайлы, жоголгон жокту табалы» деген жарандык-патриоттук бийик сөздөрү бүгүнкү урпактар үчүн өзүнчө бир атуулдук адеп-ахлак программасы.

Кылымдар кыйырынын тар жол, тайгак кечүүлөрүндө, тарыхтын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн  түшүп,  өлөйүн десең жан татуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде, дал Ала-Тоонун каарман уул-кыздары кыргыздын чырагына май тамызып, кайра күйгүзүп, өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, өздөрүнүн мекенчилдиги менен журтту сактап, Ата-журттун керегине жарап келишкен.

4

Ошондой кийинки замандагы патриот, улутман, мекенчил мурдагылардын атуулдук күжүрмөн салтын татыктуу уланткандардын бири Исхак Раззаков болгон. Илгери кийин экинчи жолу СССРдин курамында түзүлгөн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөп, дубалдарын тургузган Жусуп Абдрахманов баш болгон патриоттордун ишин андан ары илгерилетип, Исхак Раззаков өзүнүн «чоролор» тобу менен кыргыз элин цивилизациянын жолуна алып чыккан. «И. Раззаков эр жүрөктүүлүгү, ак пейилдүүлүгү, адамгерчилик сапаты боюнча Жусуп Абдрахмановго окшош» деп экс-министр Мукаш Өмүралиев бекер айткан эмес. Исхак Раззаков Кыргыз мамлекетин жетектеген (1945-1961) учурда Ата-мекенибиз айыл чарбасы жана өнөр-жайы жана искусство, маданият, медицина, электрлештирүү, кадр саясаты жагынан кыскасы, бардык тармактарда болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге ээ болуп, элдин турмушу оңолуп, өлкөбүз, өсүп-өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине көтөрүлгөн. Мындай ийгиликтерге мекенибизди И. Раззаковдун Кыргызстанды мекенчил, адилеттүү, калыс, башкаруусу, көсөмдүгү, акылмандыгы, жетекчи катары таза чынчыл жүрүм-туруму, күн-түн тынбаган күжүрмөндүүлүгү, элим-жерим деп соккон ак жүрөгү жеткизген. «Анын эмгек күнү саатка эле эмес, мүнөткө да бөлүнгөн» – деп эскерген Казы Дыйканбаев. Ата-журт үчүн жасаган эрдиктерин, ак мээнетин, жетекчилик стилин, адамдык мүнөзүн, инсандык маданиятын, мекенчилдигин бирге иштеген үзөңгүлөштөрү замандаштары улуу-кичүү дебей сыймыктануу жана алкоо менен эскеришкен, өз бааларын ыраазы болуп, беришкен. «Кудай астында чынын айтуу керек, бардыгынан чечени да чуугандай сөз тапкан кеменгери да, кара кылды как жарган калысы да, калайыкты бөлүп жарбаган чыныгы акылманы да, ак ниети да И. Раззаков эле». (Сопиев Аскар).

«И. Раззаков биздин сыймыгыбыз» (Түгөлбай Сыдыкбеков). «Раззаков кыргыз эли үчүн өлбөс – өчпөс түбөлүктүү эмгек калтырды, элдин уулу деген түбөлүктүү атка конду». (Давлеткелдиев Абдыкул). «Бул инсан биздин тарыхка алтын тамгалар менен жазылуу керек» (Каримова Бөпө). Кыргыз баурларым, силер бактылуу эл экенсиңер, көсөмүңөр бар. И. Раззаковдун баркына жете билсеңер болду» (Мухтар Ауэзов). «Исхак Раззаков-улуттун улуу инсаны» (Жолборс Жоробеков).

Исхак Раззаковдун улуттун бүгүнкүсү жана эртеңки келечеги, кыргыз тили үчүн күйүп-жанган патриоттук ишмердигинин «моторун» ичтен айлантып турган күч, мотив-бул анын кыргыз элине Ата-журтуна болгон чексиз сүйүүсү болгон. Буга анын «Кагылайын тууган жер, бармактайымдан жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай, өзүңдү таап келдим эле. Ата-журтум – алтын бешигим! Мен үчүн дүйнөдөгү эң сулуу, эң сүйүктүү жер-киндик каным тамган жер. Биздин жер, чындыгында эле бейиш. Элибиздин тилегин орундатсак, уруштан бүлүнгөн чарбаны оңдосок, элдин турмушун жакшыртсак, чачылганды чогултсак, мекендин бактысы – өмүрдөн кымбат, жакшы эр эли менен, жеркени менен» деген толкунданган, жүрөгүнүн толтосунан чыккан сөздөрү күбө. Ал ушундай ички ишениминен улам «Кыргыз десе түн уйкусунан кечип кетчү киши эле» (Насирдин Байтемиров). Мекенчилдиктин булагыбул мекенге болгон ашып-ташкан сүйүү. Ошондой улуу сүйүүсү болгону үчүн Манас Ата «Калкым кыргыз сен үчүн, жанымды курман кылайын» деген  эмеспи. Бир сөз менен айтканда Исхак Раззаковдун жан дүйнөсүндө айкөл Манастын ушундай мекенчил руху уланган. Ошон үчүн И. Раззаков кыргыз дегенде ичкен ашын жерге коюп, элинин бактысы үчүн Манас атасынча, каруусун казык, башын токмок кылып, күрөшкөн.

Каарманыбызды мисалы көрсөтүп турат. Эгерде адамдагы мекенчилдик сапат Раззаковдогудай адамгерчилик, калыстык, адилеттүүлүк, эмгекчилдик, даанышмандык касиеттер менен айкалышса, патриоттуулук ого бетер көркүнө чыгат экен.

5

Кыргыз элинин тарыхы – сыймыктана турган, татыктуу баалана турган даңазалуу тарых. Кыргыздар – Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздар биздин эранын 5-кылымында эле рун жазуусун колдонгондугун Чыгыш менен Батыштын окумуштуулары эбак эле далилдеп көрсөтүшкөн. Борборлордо Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), а түгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (биздин эранын 9-кылымы), темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан алдына киши чыгарбаган, кол өнөрчүлүк жана көркөм сөз маданияты өнүккөн, кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, «Алакчын», «Кыргыз хан» шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык мамилелери өнүккөн, эпостордо айтылгандай: «Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган» жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Соңку тарыхий даректер кыргыздардын атабабалары байыркы сактар жана Чыгыш менен Батышты титиреткен илгерки Гундар экенин кабарлап жатат.

СССР доорунда ата-бабаларыбыздын жогорудагыдай даңазалуу тарыхы муундарга тааныштырылбай, окутулбай, тарых китептерине жазылбай, элден жашырылып, кыргыз тарыхы эзилген кедей-кембагалдардын, күл-күңдөрдүн, сабатсыздардын тарыхы делип, элдин чыныгы тарыхы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана башталды деген коммунисттик-тоталитардык идеологиялык манипуляция үстөмдүк кылган. Баатырдык эпос «Манас» негизги варианттары 20-кылымдын 20-30-жылдарында  толугу менен эл оозунан жазылып алынса да, «реакциячыл-динчил» чыгарма деген сыяктуу ар кандай саясий айыптар коюлуп отуруп, 1958-жылга чейин толук жарык көрбөй, жабыкта кармалган. Мына ушундай абал-жагдайга жарандык абийри чыдабай, кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков ичи өрттөнүп чок болуп, 1973-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине, анын бюро мүчөлөрүнө кат жазып, төмөндөгүдөй ачуу сөзүн бүрккөн.

«Биз элибиздин тагдырын, маданий мурастарын эстен чыгарып келатабыз. Өзүбүздү өзүбүз жамандап, «жапайы», «жарым жапайы» элек деп элибизди кордоону мактаныч иретинде айтып көрдүк. Ушинтип өзүбүздү өзүбүз кемсинтүүнүн натыйжасында жылдызыбыз түшүп, шагыбыз сынчу». Бул тоталитардык доордогу улуу патриот, мекенчил жазуучунун атуулдук чаңырыгы, тайманбаган каяшасы эле. Т. Сыдыкбеков катында академик Конраддын төмөнкү сөзүн Борбордук Комитеттин эсине салган.

«Түп-тегинен алга кеткен, же түп-тегинен артта калган эл болбойт. Батыштын жана чыгыштын бардык эле өркөнү өнүккөн элдери өз тарыхында тездик менен алга кеткен мезгилдери, же өнүгүшүн басаңдаткан, ал тургай таптакыр бир калыпта туруп калып, убактылуу артта калуучулукка алып келген мезгилдери болгон».

Т. Сыдыкбеков бир кездеги даңазалуу кыргыз элинин тарыхтын бир учурунда объективдүү шарттардан улам кризиске тушугуп, өнүгүшү басаңдап калса эле, ошол учурду бетке кармап, артта калган эл деп бүтүндөй калкты басынтканга болбостугун түшүндүргөн жана кыргыздардын тарыхы жөнүндөгү чындыкты калыбына келтирүүнү талап кылган. Кыргызстан КП БКнын биринчи, экинчи катчыларына, бюро мүчөлөрүнө жалтанбай жазган мындай каты үчүн Түгөлбай Сыдыкбеков «улутчул» катары айыпталып, «Көк асаба» аттуу романы 18 жыл жарык көрбөй, идеологиялык «кара сандыкка» жабылган. Айрыкча 70-жылдарда Азиядагы байыркы түптүү элдин тарыхынын, тилинин, маданиятынын акырындап барабара жоюлуу опурталдуулугуна кириптер кылган кызыл камчы тоталитардык өкүмчүлүктүн кыйын кырдаалында,  «Советтик эл-тарыхый жаңы жалпылык деген ураан чокусуна жетип, майда улуттардын ошол «интернационалдык» жалпылыкка сиңирүү саясаты тымызын жүрүп жаткан чакта моюн толгогон каяшаң үчүн, эл-жериңди сүйгөн улутмандыгың үчүн «улутчул» деп жилигиңди чагып коё турган катаам акимчил-буйрукчул бийликтин шарттарында, а кездеги Таңсыкбаев, Кочкорбаев (Ч. Айтматов) сыяктанган кыргыз бийлигинин алдында өзүнүн жеке тагдырын тобокелге салып, башын канжыгага байлап ак калпак калктын кызыкчылыгын, ар намысын коргоп, «кыл чайнап» ортого чыккан Түгөлбай атабыздын мекенчил кашкөйлүгү, патриоттук эрдиги өрнөк кылууга татыктуу.

6

Дагы айта турган нерсе, бул жерде улутубуздун улуу уулу Чыңгыз Айтматовдун мекенчилдиги жөнүндө кеп кылбай өтүү мүмкүн эмес. Туура, Ч.Айтматов жалпы адамзатчыл, планетачыл. Ошону менен бирге Айтматов өтө бир улутман жана мекенчил инсан. Буга анын бир эле «Биз канткен күндө да, өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек. Тил жөнүндөгү сөз эң оболу улут жөнүндөгү сөз дегендик. Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Чынымды айтайын, улуттук тилибиз үчүн башымды сайып коюуга деле кайыл элем» деген сөздөрү күбө өтүп турат. Жазуучунун мекенчилдиги сөзү менен гана эмес, улуттук тил, улуттук маданият үчүн жүргүзгөн реалдуу күрөшү менен да далилденген. «Коммунисттик системанын тушунда, авторитардык режим өкүм сүрүп турганда эне тилибиздин проблемасын алгачкылардан болуп көтөрүп чыккамын. Анда, тил тууралуу сөз кылуу улутчулдук катары бааланган. Мага а кезде айрым басылмалар «улутчул» деген жарлыкты илип, улуттук тилди сактап калуу тууралуу ойлорумду «штыкка» алышканын баары билет. Бирок улуттук тил маселесин мен жазуучу катары көтөрүп чыкпасам, анда ким көтөрүп чыкмак?!» – деп жазган жазуучу, баштан өткөн тарыхка кайрылып. Ч. Айтматов тил жөнүндөгү сөзү менен гана эмес, эне-тил үчүн реалдуу күрөшүү менен айырмаланган. Өзү орус тилин мыкты билсе да, кыргызча сүйлөгөндө орусча аралаштырбай, таза сүйлөгөн патриот болгон.

Жазуучу «Манасты» улуттук асылым, улуттук кенчибиз, калкымдын символу деп эсептеп, аны дүйнөгө жайылтуунун демилгечиси болгон.  Ал  улуттук ыйык баалуулукту эл аралык коомчулукка кабарлоо, пропагандалоо үчүн практикалык кадамдарды жасоонун зарылдыгын биринчилерден болуп туюнган. Ал «Манасты» дүйнөлүк аренага алып чыгуунун камын көрүп, аны эл аралык масштабда үгүттөөгө чындап киришкен. 1960-жылдардын аягында улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндөгү «Ал «Манастын» миллион сабын жат билет» деген атактуу макаласын жазуучу улуу эпосту таанытуу максатында атайын ЮНЕСКО үчүн жазган. Бул окуяга байланыштуу «Манасты» дүйнөгө таанытуу үчүн ЮНЕСКОго чыгып, ушул Эл аралык кадыр-баркы чоң уюм аркылуу аракет кыла баштаганбыз – деп эскерген  Ч.Айтматов 1995-жылы «Манас дүбүртү» гезитине берген дил маегинде, – ошондо «Манас» жөнүндө ЮНЕСКОго алгачкы кабар жеткен. Францияга барганымда ЮНЕСКОнун жетекчилигине, анда иштегендерге, «Манастын» залкарлыгын, анын дүйнөлүк маанисин түшүндүрүүгө аракет кылдым.Дүйнөнүн глобалдык тагдырын, проблемаларын чече турган Эл аралык бул уюм бара-бара «Манаска» олуттуу көңүл бура турган болду.«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүү маселеси менен ЮНЕСКОго кайрылып макулдук алдык. Эпос мааниси жөнүндө өз убагында түшүндүргөнүбүздүн таасири жакшы болду». («Манас дүбүртү» газетасы, 15-май, 1995-жыл).

1930-жылдардан баштап эле, совет мезгилинде «Манастын» 1000 жылдыгын өткөрүү маселеси үч жолу пландалып, бирок идеологиялык тоскоолдуктардын айынан белгиленген маараке өткөрүлгөн эмес. Элибиз эгемендүүлүккө жеткенден кийин Ч.Айтматов башында турган улуттук интеллигенция «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк масштабда өткөрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылат. 1000 жылдыкты белгилөөгө

БУУнун уруксатын алууда, ачык айтыш керек, Чыңгыз Айтматовдун жанагыдай «Манастын» дүйнөлүк маанисин ачып, ЮНЕСКОго берген алдын ала түшүндүрмөлөрү, чечмелөөлөрү, патриоттук күч-аракети, анан калса, ЮНЕСКОнун жетекчиси Федерико Майор менен болгон достук мамилеси олуттуу роль ойногон. Ч.Айтматов мына ушинтип, улуттук маданияттын чоң маселесин чечүүгө активдүү катышкан. «Манастын» 1000 жылдыгынын 1995-жылы дүйнөлүк деңгээлде өтүшүнө Ч.Айтматовдун кошкон тарыхый салымы зор экендигин баса белгилөөгө тийишпиз. Патриот жазуучубуздун бул жарандык аракет-мээнети, эрдиги эмнегедир көп айтылбай, көмүскөдө калып келет.

Соңунда айтарыбыз, кебибизди образдуу жыйынтыктасак, «Эр Төштүк» эпосунда алпкаракуш Төштүктү жер үстүнө көтөрүп учкан сыяктуу Ч.Айтматов да  «Манас» аттуу кыргыз элинин улуу эпосун алпкаракуш сындуу ааламга көтөрүп учуп, анын сапат-салмагы, маани-маңызы, нарк-дөөлөттөрү жөнүндө Ала-Тоого, Ак калпак Кыргызга жана жалпы адамзатка бийик үн, чоң чабыт менен татыктуу «шаңшып» берген. Ч. Айтматов алпкаракуш болуп, алп Манасты ааламга көтөрүп учкан. Ал улуттук маданият үчүн күрөшкөн чыныгы мекенчил уул эле.

7

Ала-Тоо жергебиздеги мекенчилдиктин үлгүлөрүн санай берсек, алар абдан арбын жана сөз улам узара берет. Бирок 21-кылымдын 20-кылымдарынын башындагы «Кумтөр» кенине байланыштуу мекенчилдикти аттап кетүүгө болбос эле.

Өлкөбүз 30 жылдан бери карай тамырлап кеткен жемкорлуктан, экономикалык кризистин сазынан бутун биротоло сууруп кете албай  очорулуп  турган кезде,  тышкы карыздарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап, «какаганга муштаган» дегендей, кымбатчылык да алка жакадан алып турган чакта, дүйнөдөгү  геосаясий кырдаал да оорлошуп турганда, ак калпак кыргыздын арманына айланган «Кумтөр» алтын кенинин Кыргызстанды менчигине өтүшү өзүнчө бир төңкөрүшкө тете, айран калтырган, «Тебетейди көккө ыргыттырган» кубанычтуу окуя болду. Мындай улуттук масштабдагы жеңишти жана эрдикти буга чейин ким жасады эле, кайсы Ажонун колунан келди эле? Колунан келмек түгүл «Абыке-Көбөштөрүбүз», ишенген кожолорубуз тескерисинче, чет өлкөлүк жору-кузгундарга кошулуп, «Кумтөрдү» кошо талап-тоношподубу.

Садыр Жапаров ушундай айла кеткен кыйын заманда колуна ар намыстын кылычын кармап, бороонго көкүрөгүн тосуп, жалгыз чыгып, «Кумтөрдүн» алтынына жомоктогу ажыдаардай оролуп жаткан жети баштуу желмогузду беттеп чыккан. Атаганат, желмогуздун жети башынын бир эки башы кыргыз көзкамандарынын баштары болучу. Ушунун айынан Садыр Жапаровду Кумтөрдүн ажыдаары куйругу менен чаап жыгып, темир тордун артына түртүп салганы баарыбыздын эсибизде турат го. Тагдырдын буйругу жана элдин колдоосу менен Президенттик бийликти колго алганда, Садыр Жапаров мамлекеттик бийликтин күч-кубатына жана элдин эңсөөсүнө таянып, мыйзамдуу негизде «Кумтөрдүн» чет өлкөлүк жана жергиликтүү жору-кузгундарына каршы акыйкаттын ачуу жебелерин агытты.

Адабиятташтырып, образдуу айтканда, акыры кендеги алиги ажыдаардын башы кыя чабылды. Президент Садыр Жапаров өзүнүн жалтанбас эрдиги менен улутубуздун эңсеген мүдөөсүн ишке ашырып, элдин байлыгын элге кайра кайтарып берди. Экономикалык жактан стратегиялык мааниге ээ «Кумтөрдүн» Африка менен  Азиянын байлыктарын талап-тоноп көнгөн кечөөкү колонизаторлордун урпактарынын ач тырмактарынын алдынан сууруп чыгарылышы, Кыргызстандын менчигине өтүшү – бул Президентибиздин жана анын чоролорунун  баатырлыгы эмей эмне?

Бул атуулдук – патриоттук эрдик эгемендүү  өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калчу зор окуя. Кумтөрдө кылым кармашы болуп өттү. Акыйкат жеңди.

Чындыгында мурдагы башчылардын тушунда эл «Кумтөрдөн» түңүлүп, социалдык апатияга тушугуп турган. Болуп өткөн элдик революциялардан күткөн үмүттөр акталбай, ишенген кожолор «сууга агып», ар кимибиз «алды алдыбыздан тал кармап», коомубузду  моралдык кризис басып, мындан улам төмөндөгүдөй ыр саптары жаралып эл арасын аралаган:

Ашып-ташып байлык, бийлик кумары, Тебеленди асылдыктын тумары. Ыйман калып ыргытылган буюмдай, Идеалдар чөп өңдөнүп куурады.

«Акча», «акча» деп көрчү обон созгонун Жемкор деген жетеси жок «чочконун». Карагын эй, капчыктары дем берип, Каргалардын бүркүттөрдөн озгонун!

Шайлоолордо түлкүлөргө алданды, Акыйкаттан адашышкан жарандар. Тулпарларды тизеге чаап жыгышып, Эшектерге жол ачышты кайрандар.

Калк башкарса каркылдаган каргалар, О Жараткан, мындай кайгы кайда бар. Алтын такка ээлик кылса майдалар, Бу заманга айтчы кандай айла бар?

«Кумтөрүңдү» ач көз чөөлөр талкалап, Ажолоруң ал-жуттарды калкалап. Кара жемсөө жеке менчик кумарлар Чынарыңды кыйып жатат балталап.

О алп Манас, качанкыга уктайсың, Качан сенин албуут күчүң ойгонот? Журттун канын соруп жаткан кесепке Алп кубатың качан каршы козголот?

Кай убакта Сырбараңың октолот – Качан сенин милтелерин чоктолот? Жети баштуу желмогузду жайлаганКайда бая кынындагы Жойболот? Салтанаттап «Чоң Казаттын» жеңишин, Качан биздин Ата-журтта той болот?

Кыргызстандын али тоңу жакшы эрибеген кыртышында Парламенттик башкаруу формасы өзүн актабай, Жогорку Кеңеш «чыр дөбөгө» айланып туруп алды. Бийликтин үч бутагы бири-бирине шылтап, бири-бири менен талашып, жоопкерчиликти бири-бирине шылтай, маселелер чапчаң чечилбеди. «Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» күч алды.

Жергебизде, эмнесин жашыралы, башаламандык, анархия куйругун чагарактатып, даң салды. Кыргызстан Президенттик бийликке муктаж  болуп турган эле. Абактагы темир тор кыйрап, Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен саясий реформа башталып, башкаруунун Президенттик формасы тандалып алынды. Президенттик бийликтин  орношу жогорудагы ыр саптарында  айтылгандай, Манастын күчү  мамлекет кейпинде ойгонгондой, жамандыктарга каршы Сырбараңдын, Аккелтенин милтелери чоктолгондой болду. Мыйзамдын күчүнө  жана элдин эркине, калк кызыкчылыгына таянган күчтүү президенттик бийлик кыргыз коомундагы тартипке, стабилдүүлүккө, мыйзамдуулукка гарант болуп турушу керек. Күчтүү мамлекет жетиле элек гражданиндин мамлекеттин негизин кыйрата турган эгоизмин жана анархизмин, соттордун беймыйзамчылыгын, чиновниктердин бюрократиясын, коррупциясын, криминалдуу дүйнөнү, мафиялык топтордун араанын ооздуктоо, коомдогу социалдык жана экономикалык процесстерди регулировкалоо үчүн, улуттук турмушту тыштан жана ичтен бүлүндүрүүчү факторлорго каршы туруу үчүн зарыл.

Бизде президенттик бийлик мурда да болгон. Бирок президенттик бийликти мамлекет башында тургандар образдуу айтканда жамааттын кызыкчылыгы үчүн эмес, жакындардын, жан-жөкөрлөрдүн кызыкчылыгы үчүн, коомдун кызыкчылыгы  үчүн эмес, коктунун кызыкчылыгы үчүн, калктын кызыкчылыгы үчүн эмес, казынаны тоноо үчүн пайдаланышкан. Албетте, жакшы иштер да болгон,  бирок көлөкөлүү иштер аларды жууп кетип жатты.

Садыр Жапаров Президенттик бийликти элдин байлыгын соргондорду ооздуктоо үчүн иштетти «Кумтөрдөгү» карышкырларды кемээчтеди эле, өткөн 20 жылда Кыргызстан  85 000 000 доллардын тегерегинде дивиденд алса, 2021-жылдын 7 айында эле 323 млн доллар киреше алды. Эсептөө боюнча  2022-жылы «Кумтөрдөн» 500 млн доллар киреше казынага түшмөкчү. Бир сөз менен айтканда президенттик бийликти  Садыр Жапаров эл кызыкчылыгы үчүн иштетти  эле, мындай чечкиндүү кадам эл-журтка жакшылык болуп кайтып келип жатат. Жаңы бийликтин иш-аракеттери менен бажы баш болгон бардык тармактарда жемкорлордун бети улам ачылып, алар жеп-ичкендерин эл алдында «кусуп», көмүскө экономика көрүнөөгө чыгып, казынага  чегерилген байлык кайра калкка кайтарылып отурат. Мурда казынага чогулган байлык башчылар, аткаминер жемкорлор тарабынан жеке чөнтөктөргө салынып, чет өлкөлүк банктарга которулуп, хан сарайларга жумшалып элдин ырыскысы  элден жашырылып, таланып-тонолчу.

Бүгүн кубана турган нерсе, топтолгон акча каражаттарын  (2021-жылы республикалык бюджет 311 млрд сомго жеткен) элдин бакыбатчылыгына, чоң-чоң долбоорлорго жумшалып жаткандыгында. 30 жыл бою 7-8 миң сом айлык менен итке минген кедейликте жашап келген маданият кызматкерлеринин, врачтардын, мугалимдердин, социалдык кызматкерлердин айлык акысы 50-80-100 пайызга көтөрүлүп отурат. Буга байланыштуу телекөрсөтүү, басма сөз аркылуу Садыр Жапаровго элдин алкышы, ыраазычлыгы жамгырдай жаап жатканына күбөбүз. Кыскасы, «Кумтөрдөгү» алтын мафиясына, экологиянын талкаланышына, коррупцияга, Кыргызстанда канатын жайган анархияга каршы башталган «Чоң казаттын» алгачкы жемиштерин татып, «Элдин көчөсүндө» майрам болуп жатат.

Төмөндөгүдөй ойду айтпай коё албайбыз. Сөз менен иштин биримдиги кыргыз элинде  ар дайым адамды баалоонун критерийи катары жашап келген. «Эрдин сөзү эки эмес»,  «Эрдин мыктысы ишинен билинет» дегендей, Садыр Жапаровдун эл алдында  берген ант-шертине бекем туруп, жарыя кылган убадаларынын өтөөсүнө чыгып жатышы үмүт чырагын жандырып отурат.

Бүгүнкү күндө адамдардын адеп-ахлагында сөз менен иштин ажырымдыгы күчөп, жоопкерчилик деген нерсе дефицит болуп, эки жүздүүлүк, жүрүм-турумдун кош стандарттуулугу активдешип турганда, кооз сөздөрдөн, кургак убада-ураандардан маска кийген шылуундар жаандан кийинки козу карындай көбөйүп жатканда, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган, сөзү менен иши айкалышып турган Садыр Жапаровдун рейтинги эл арасында күн санап өсүп жатат. «Башчы бирөө болот, калганы ага тирөө болот»  дегендей, Президентибиз ушул элим, жерим деген наркынан, каадасынан жазбай иштесе, жалпы элибиз сүрөөгө алып, колдоо көрсөтүп турса, буюрса алдыдагы улуу  максаттарыбызга  жетерибизге ишенебиз.

Кыскасы, кыргызды кыйын-кезеңдерде кыргыздын өзүнүн мекенчилдиги сактап келген. Мекенчилдик, патриоттуулук кыргыз адеп-ахлагынын борбордук жоболорунун бири. Мекенчилдик улутубуздун социалдык мүнөзүнүн айырмалуу белгиси. Мекенибиздин тиреги – мекенчилдик! Акырында кайрадан «Манаска» кайрылып келели. Мекенчилдиктин башаты «Манаста». Манастын уулу Семетей Канчоро менен Кыяс капыстан кол салып, өлүм алдында турганда минтип ойлонот: «Котур ташы койнунда, шайтанды баккан экенмин, эми эле башын кошкондо, элдин алы не болот, жарагы жок жаш күлүс, эрдин алы не болот, капарсыз калды эл менен, жердин алды не болот». Семетей өлүп бара жатып да, элинин, жеринин тагдыры жөнүндө толгонуп турат.

Демек, эл-журттун мүдөөсү, калк кызыкчылыгы, мекен алдындагы парз сыяктуу улуу түшүнүктөр менен жуурулушкан биримдик – Манас менен Семетейдин адамдык-атуулдук жаратылышы, экөөнүн жашоосунун тузу жана өмүрлөрүнүн маңызы. Өз өмүр-жашоолорун ушундай улуу нарктар менен жуурулуштуруп өмүр кечиргендиктери үчүн Манас менен Семетей жана Бакай, Каныкей, Кошой, Чубак, Сыргак, Чыйырды, Айчүрөк, Гүлчоро, Алмамбет сыяктуу каармандар түбөлүк өлбөс болуп, биздин маңдайыбызда чолпон жылдыздай жаркырап, адептикпатриоттук маяк катары жашап кала беришти. Туулган «туяк» жер үстүндө кош аяктуу макулук, кыбыраган көрпенде болуп эмес, айланасына жакшылыктын жарыгын чачкан нурпенде болуп жашоого ийиш. Өз көмөчүнө күл тартып, кара башынын кызыкчылыгынан башканы билбеген Абыке, Көбөштөй, Көзкамандай, Канчородой пенде болуп жашоонун жамаат үчүн маңызы, куну жана куту жок. Көзкамандай, Көбөштөй «туяктын» «эне боюна бүткөнүнөн бүтпөгөнү» артык дейт, «Манастын» логикасы.

Акырында айтарыбыз, азыркы шарттарда жогорудагы өзүнүн гана менин алдейлеген, ашкере өзүмчүл, индивидуалисттик «робинзончулуктун», айлана-тегерекке прагматикалык-бухгалтериялык ач көз мамиленин күч алышынын коом үчүн зыяндуулугуна жана келечек үчүн коркунучтуулугуна терең ынанууга тийишпис. Ушундай кырдаалда кишиге адам болуп жашоонун жолун, стратегиясын көрсөтүп турган Манас эпопеясынын өйдөкүдөй мекенчил философиясына кайтып келүү жана аны жекелей желбиретип бекем кармоо 21-кылымда муундарды моралдык деградациядан сактоонун куралы дегибиз келет. «Манастын» дагы бир баа жеткис мааниси ушунда.

8

Мекенчилдиктин дагы бир үлгүсүн айтпасак болбойт. Абдылдажан Акматалиевдин республикада маданий, адабий-илимий маанилүү, орчундуу иштерди уюштуруудагы жетекчилик, атуулдук-ишкердик ролу да зор. Ал улуу «Манас» эпосунун айтылуу 1000 жылдык мааракесин өткөрүүгө жигердүү жана активдүү катышкан. Анын демилгеси жана жетекчилиги менен Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин варианттарынын академиялык басылыштары жолго коюлуп, жарыкка чыгып жатат. А. Акматалиев «Манас» эпосунун активдүү патриот-пропагандисттеринин бири. Окумуштуу өзүнүн жаңы илимий эмгектери менен алп урушуп жүрө берсе деле болмок. Бирок, ал убактысынын көпчүлүгүн адабият тарыхы үчүн өтө керектүү эмгектерге арнап келет.

А. Акматалиевдин жетекчилиги, уюштуруучулугу жана активдүү катышуусу менен «Эл адабияты» сериясынан калкыбыздын бай фольклордук мурастарын камтыган 30 томдук жарык көрдү. Бул факт республикабыздын маданий турмушундагы баа жеткис маанилүү окуя. Анткени биринчи жолу кол жазма фондусундагы материалдар бир топ варианттары менен элге жетти. А. Акматалиевдин элдик чыгармачылык мурастарга көңүл бурганы бекер жерден эмес.

Илимпоз кичинекейинен тарта Теңир-Тоонун  КараКужур деген цивилизациядан алыс турган бир кереметтүү чөлкөмүндө жаратылыш, төрт түлүк менен аралашып, элдик оюндардын ичинде, Кара-Кужурдагы фольклордук чөйрөдө, Манас атмосферасында өсүп чоңойгон. Жомоктор, акындар поэзиясы, «Манас» анын жан дүйнөсүнө жакын баалуулуктар. Ошон үчүн ал окумуштуу болгон кезинде рухий мурастарды жарыкка чыгарууну жан дили менен колго алып турат. Маселен, А. Акматалиевдин камкордугу, жетекчилиги, баш сөзү менен жарыяланган бир эле «Манас» эпосун мисалга тартып көрөлү. Мына, окуйлу: Сагымбай Орозбаковдун «Манас» эпосу 4 том, Саякбай Каралаевдин «Сейтек» эпосу 2 том, Тоголок Молдо «Семетей», «Сейтек» эпостору 2 том,  Ыбырайым Абдрахмановдун «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору 2 том, Актан Тыныбеков «Манас», «Семетей» эпостору 1 том, Жакшылык Сарыков «Семетей», «Сейтек» 1 том, Алмабек Тойчубеков «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору 2 том, Мамбеталы Ашымбаев «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору 1 том, Жаңыбай Кожоков «Манас», «Семетей» 3 том, Чокон Валиханов, Иса Жумабеков «Семетей», эпосу 1 том, Дүңкана Кочукеев «Манас», «Семетей» эпостору 1 том, Кааба Атабеков «Манас» эпосу 1 том, Мамбеталиев Уркаш «Манас», «Семетей» эпостору 1 том, Акмат Рысмендеев «Манас», «Семетей» эпостору 2 том, Мамбет Чокморов «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору 3 том,  Багыш Сазанов «Манас», «Семетей», «Сейтек» 3 том, Молдобасан Мусулманкулов «Манас» эпосу 1 том, «Манас» үчилтиги боюнча изилдөөлөр 1-том, «Манас» (тарых, генезис, типология) 2-том.

Мына караңызчы, бул эмне деген жаңылык. Буга чейин «Манастын» варианттары архивде саргайып жаткан. Эгемендүүлүк жылдардагы экономикалык кризистин шарттарында «Манас» варианттарынын ого бетер багы ачылбай жабыкта жата бериши мүмкүн эле. Ушундай жагдайда А. Акматалиев өз демилгеси менен өкмөттүн көрсөтмөсү жок эле бюджеттен тышкаркы каржы булактарын издеп таап, ченде жок уюштуруучулук иштерди жүргүзүп «Манастын бир эки вариантын гана эмес, бүтүндөй негизги варианттарынын бардыгын жарыкка чыгарып, элге тартуулашы окумуштуунун өзүнчө бир патриоттукжарандык эрдиги болду.

Патриоттуулук, мекенчилдик нарк кыргыз уул-кыздарынын адеп-ахлагынын өзөктүү сапаты экендиги бизди кубандырат жана шыктандырат.

Калгансың аман-эсен, Канча бир кырылыштан. Кыямат кысылыштан,

Кымбатым Кыргызстан!

Ак калпак Манастан.

Ала-Тоом – намыстан.

Ак жүрөк мейманстан. Үч кылдуу комузстан!

Укмуштуу кымызстан!

Күрөшөм бактың үчүн, Утуп чык кыйындыктан.

Эрте жет болочокко,

Эртеңки жылдызстан!

  1. МЕКЕНЧИЛДИКТИН ТУРМУШТУК УЛУУ

ӨРНӨГҮ АЛАЙ ХАНЫШАСЫ – КУРМАНЖАН ДАТКА

(Ыр саптары менен тартылган бейне)

1 Ал кезде заман бузулуп, Көктөгү ай бат, бат тутулуп… Баскынчы жоолор кутуруп, Мекенге турган жутунуп.

Запкысы арбып миң болуп,

Замана турса түн болуп,

Ала-Тоонун койнунан – Курманжан чыккан күн болуп…

Акылга салып баарысын, Замандын тапкан дарысын. Куп болоор айтсак, жар салып, Курманжан датка тарыхын.

2

Атагы ашкан абыдан, Аялдан чыккан кабылан. Жаңы эле бойго жеткенде, Жайсыз эрге кабылган.

Күйөөгө бербей оёнго, Беришкен кызды «коёнго». Жаш келин күйүп ыйлаган, Жер таппай жанын коёрго. Курманжан кыздын руху, Бунтарь эле турушу. Эскилик менен элдешпей, Күчөгөн рух урушу.

Курманжан тынчып жатмакпы,

Жабылган тагдыр – капкакты, Жара тээп чыгыптыр, Жактырбай кыскан алкакты.

Алайдын бийик асманын, Капаста куштай сагынган. Караңгы түндө капыстан, Жарк эткен тоодон чагылган.

Алайдын чыгаан уулунун, Бактысына табылган.

Алымбек датка төшүнө, Аппак гүл болуп тагылган. Ак боз үйгө Курманжан, Аппак шам болуп жагылган.

Майрам кылган Курманжан, Алымбектин күндөрүн. Жалпы журт көргөн эл үчүн,

Жалбырттап оттой күйгөнүн. Жарык кылган жылдыздай, Фергананын түндөрүн.

Суктанткан сулуу Курманжан, Суурулуп чыгып катардан. Касиеттүү Алайда, Ханыша, Датка аталган. Бухараны муютуп, Музафар шахтан бата алган.

Канаты менен калкалап, Кабылтпай элин согушка. Кудайга жагар иш деген, Тынчтыкта калктар болушса. Акылман башчы катары, Атагы кеткен оруска!

Империя сестенген, Кабылан чыккан бул кыздан. Аялды кыргыз хан кылса, Таңгалган бүткүл Түркстан.

Жан далбас уруп эл үчүн, Жашаган эмес беймарал. Ала-Тоодон биринчи, Аялдан чыккан генерал!

Аялга катаал чыгышта – «Аяздуу» тартип шартында

Кандайча чыгып калды деп,

Хан аял кыргыз калкында – Алыскы финдер жеринен, Арзып келип Алайга.

Миннергейм генерал,

Жолуккан Ажо аялга – Сүрөткө тартып ханшаны, Таңгалып турган далайга.

Төрөгөн аны кыргызы, Курманжан чыгыш жылдызы.

Бирок да датка энени,

Кыйнаган татаал турмушу.

Жарык менен көлөкө, Жанаша жүрөт экен го. Өмүрүң менен өлүмүң, Талаша жүрөт экен го.

Анжиянда Алымбек, Атпай журтту сураган. Алайдан түшүп, Кокондо Аргымактай чураган.

Чыккынчы чыгып туурадан Алымбек датка куураган. Арстаны ажал тапканда, Курманжан тоосу кулаган. Капыстан баскан жамандык, Жүрөгүн өрттөп уулаган.

Ак жерден кылмыш козгогон, Ары жок бийлик соттогон. Камчыбек уулун асканда, Кан жутуп эне боздогон.

Абдылдабек көк жалы, Көз жумган жоого багынбай. Дагы бир уулу Сибирге, Айдалган шордон арылбай. Азалуу эне жүрөгү, Анан кантти жарылбай?..

Көйгөйлөр күчөй өчөшүп, Көөдөндөн жулган топчусун. Курманжан чыдап көтөргөн, Тагдырдын урган соккусун.

Эч нерсеге теңегис, Руху күчтүү энебиз.

Күйүткө боюн алдырбай,

Күч-кайрат күткөн ченегис.

Канатын кайра күүлөгөн, Кайгыда жатпай тумчугуп. Сулайман тоодон шаңшыган, Шумкардай кайра унчугуп.

Эл жүгүн арткан мойнуна, Алымбекти жоктотпой.

Көңкү журттун кычаган, Көйгөйүн чечкен токтотпой.

Ар бир ишке Курманжан, Аяр, калыс караган. Курманжандын бийлигин, Калайык өзү самаган.

Акылман айым Курманжан, Ашыкпай кылдат сүйлөгөн. Улутта киши болбогон, Урматтап аны сүйбөгөн.

Өзүнчө айтса, толгон сөз,

Уйкусуз өткөн түндөрүн – Ата журт чегин кайтарып, Кайгуулда турган күндөрүн.

Айлап айтса, түгөнбөс,

Алайын кантип сүйгөнүн – Көргөндө көзү кубанган, Көйкөлгөн чөптүн түрлөрүн. Көзүнө чолок жаш алып, Жыттаган арча бүрлөрүн.

Тепсетпей чоочун туякка, Аяган Алай гүлдөрүн. Акыл-эстин эгеси, Алдыңда турат элеси. Кыргыздын кылып кызматын, Кыргыздын болгон энеси. «Манас» деген ураандан, Руху кыздын куралган.

Кыргыздын күчүн көрсөтүп, Курманжан чыккан Турандан.

Жарап берген намыска,

Саясий үлкөн жарышта. Орустар даңктап атаган: «Алайская царица!»

Кыргыз эл кызын сактаган, Кыраан кылып таптаган. «Ак сүтүн» мекен – эненин, Акылман кызы актаган.

Ак буудай айдап журт үчүн, Кызылды алган кырмандан. Мамлекет намысы – Манастын кызы Курманжан!

Ойлонгон эне кеңири, Колдогон аны Теңири. Балдарын гана жылытпай, Жылыткан элди мээрими.

Азыркы биздин кылымда, Курманжансыз ай чыгат. Айлуу түндө Курманжан, Жомок болуп айтылат. Нурга айланган Датка эне, Нурун төгөт айчылап.

Бүгүнкү биздин кылымда, Датка энесиз күн чыгат. Курманжанды кыргызда, Ураан кылган үн чыгат.

Өрнөгү анын жаркырап,

Жарыгын чачат күн сымак!

VII. ҮЙ-БҮЛӨ АДЕП-АХЛАГЫ

Ырас, үй-бүлө аялзатынан жана эркекзатынан турат. Бул экөө бир бүтүндүн эки бөлүгү. Эркексиз аял жарты, аялсыз эркек жалкы. Үй-бүлөнүн бир жак бети аял, бир жак бети эркек. Үйдүн аялзат тарабы бактысыз болсо, эркекзат тарабы таалайлуу боло албас. Бактылуу болсо, жубайлар чогуу гана бактылуу боло алышат. Ошон үчүн, элде «Эрди-катын бир үйдүн айы менен күнү» деген улуу сөз айтылат.

Үй-бүлө маселеси жөнүндө атактуу олуя Калыгул көп ойлонгон. Калыгул насыяттарында үйдөгү күйөө менен аялдын өз ара мамилесине, үй-бүлө этикасына байланыштуу насыяттарды бизге калтырган. «Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда?» – дейт даанышман. Калыгулдун логикасынан чыксак, аялдын тышкы өң-келбетинин сулуулугу ички руханий сулуулук, асылкеч сапаттар менен айкалышып турбаса – бул күйөөнүн бактысыздыгы («Алганың жаман болгон соң, жамбаштан өткөн сыз менен тең»). Тышкы сулуулуктан адеп сулуулугу кымбат. «Жакшы катын белгиси – кызмат кылып эринин, маңдайынан кетпеген, үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн, айрылганды эптеген, ага мактанып киши жетпеген». Аял ушундай аруу сапаттары менен үйдүн куту, эринин көркү боло алат: «Алганы жакшы жолукса, азамат көөнү бийиктейт, жакшы болсо катының, табыла берет акылың» – деп Калыгул бекеринен ырдап турган жок. Ошону менен бирге алган жардын да көөнү бийиктеп, үй-бүлөнүн шамчырагы ого бетер жаркырап жанып турушу керек. Сыйга сый, сыр аякка бал дегендей, аялга карата күйөөнүн мамилесинин да агыл-төгүл болушу шарт. «Баккан эри жарашса, кара катын ак болот» деген сөз бар. «Булбул үнүн эшитпей, буралып гүл ачылбайт, күкүк үнүн эшитпей, күн жайланып ачылбайт» – деген Калыгулдун сөзүндө чоң маани жатат. Айтмакчы, Жеңижоктун, Токтогулдун, Тоголок Молдонун чыгармаларында куурай башын сындырып оокат кылбаган, үйүндө балдары ачка ыйлап отурушса, түтүн чыккан үйдөн тамак аңдып, керээли кечке айыл кыдырып жүргөндү адат кылган эркек жөнүндө көп сөз болот. Бул өңдүү күйөө аялдын бактысыздыгына себепкер. Жаман эркекке туш болгон аял жүрө, жүрө каны бузулуп, жанагындай аркырап беттен алган кыялды кантип күтпөсүн. Мына ошондуктан кыргыздын илгертен келаткан этикасында үй-бүлөнүн бактысы үчүн аялдын гана эмес, биринчи иретте, күйөөнүн жоопкерчилигине олуттуу басым коюлуп келген. Кыргыздын кызды эрге узатып жаткандагы «ак учук бердим саптап ал, ак шумкар бердим таптап ал» деген салттык ырында күйөөгө чоң жоопкерчилик жүктөгөн терең маани бугуп жатат. 17-кылымда жашаган Алдаш Белек уулунун «Балалуу аялга камчы көтөргөн эркек акмак, балапанын ээрчиткен казга кушун шилтеген мүнүшкөр акмак» деген бир эле сөзүнөн аялга карата кыргыз рухунун гуманизминен көп нерсени туюп койсок болот. Калыгул да өзүнүн адамгерчилик мазмунга шыкалган санаттарында үй-бүлө үчүн күйөөнүн жооптуулук маселесин көтөргөн. Анын «атын баккан азамат катын багат» деген сөзүнөн эле аялдын бактысы үчүн күйөөнүн жоопкерчилиги жөнүндөгү орчун ойду окуп койсок болот. Чынында эле акын айткандай, булбул үнүн укпаса, гүл кайдан буралып ачылсын. Калыгулдун үй-бүлө этикасы жөнүндөгү оюнун эң бийик чокусу момунда. Ал мындай дейт:

Эки Кудай – аялга, Бир Кудайы –Кудайы,

Бир Кудайы – жубайы.

Аялдын жубайын Кудайындай көрүшү күйөөнүн алган жарына болгон сүйүүсүнөн, айкөл мамилесинен жана камкордугунан көгөрүп көктөп чыга турган нерсе. Ал эми эркектин жубайына болгон урматы аялдын берилген махабатынан, жанагындай үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн ак кызматынын натыйжасы («Кадырман болгон зайыбың, картайса да кыз менен тең»). Кыскасы, Калыгулдун тереңдеги логикасын ээрчип айтсак, аял үчүн эри Кудай болуп, күйөөсү үчүн алган жары Кудай болуп, жубайлар бири-бири үчүн ыйык болуп, бири-бирин Кудайындай сыйлашканда гана үй-бүлөнүн пайдубалы бекем, түбөлүктүү болмок. Үй-бүлөдө эки жактын тең жоопкерчилиги бийик болууга тийиш. Төмөнкү ыр саптары ушул жерге ылайык келип турат:

Эй жубайлар, үй-бүлөдө эри менен аялы,

Куштун эки канатындай, билсең чындык ушундай.

Жаман жүрүп, жаңылышып, бир канаты аксаса,

Үй-бүлөнүн кушу өксөп, жолдо калар учалбай! (С.Б.)

Үй-бүлөнүн түпкү пайдубалында жубайлардын бирибирине болгон ыйык сүйүүсү жана ошол сүйүүгө негизделген өз ара мамилелердин гармониясы жатууга тийиш. Мунсуз эрди-катындын чыныгы бактысы мүмкүн эмес деген философия биринчи иретте «Манаста» жатат. Башкы каармандар айкөл Манас менен «кара сурдун сулуусу» Каныкейдин жубайлык биримдиги үй-бүлө ынтымагынын өзүнчө бир символу сыяктуу. Манас менен Каныкейдин Калыгул олуя каңкуулагандай бирин-бири Кудайындай сыйлашкан өз ара жубайлык жуурулушкан бекем союзу кайдан чыккандыгы, кантип жаралгандыгы, эмнеден азыктанары, неге негизделери тууралуу бир аз кеңейтип кеп кылуунун зарылдыгы бар.

Сөздү бир аз башынан чубай келели. Каныкей төрөлгөнүнөн хан ордодо тарбияланган, бир жагынан кат тааныган билимдүү, назик, сулуу бийкеч, экинчи жагынан кичинесинен эмгекке бышыккан, аялзаты жасай турган түркүн тиричилик өнөрлөрүнө үйрөнгөн, а түгүл жоокердик өнөргө да машыккан кайраттуу, намыскөй баатыр кыз. Анын махабат идеалы да башка. Падыша атасынын төрүндө эркелеп бактылуу өсүп жаткан Санирабига кыз (Каныкей кийинки аты)  ар бир бойго жеткен бийкеч сыяктуу эле, келечектеги өзүнүн өмүрлүк жары жөнүндө ичинен тымызын кыялданат. Санирабига өз баркын билген кыз. Ошондуктан болочоктогу күйөөсү да, өзүнө теңдеш, өзгөчө жан болушун каалайт. Букар шаарынын четинде Чубак менен беттешкен окуяда Манасты обочодон сынай карап көрүп: «Күйөө кылсам төрөнү, күптүүнү жазар шер экен» дегенинен улам Каныкейдин мурдатан эле өзүнүн баркына жетээр, нарк-насили бийик эр-азаматты ичинен ойлоп, өзүнүн руханий ич күптүүсүн, сагынычын жазууга жөндөмдүү күйөөнүн идеалын тымызын издеп, өмүрлүк жолдош жөнүндө бийик чен-өлчөмдөр менен жашап жүргөндүгү билинет. А түгүл, Каныкей, өзүнүн боштондук согуштары менен бүткүл Түркстан, Орто Азия аймагына дүңгүрөп аты угулган  ак калпак кыргыздын арстан уулу Манастын даңкын алыстан угуп, ошондой баатырга жар болсом деп кыялданып да келген экен. Буга анын ошол Манасты биринчи көргөндөгү ичинен айткан монологу күбө:

«Манастын Манас экенин, мен баштатан угуп-билгемин. Манастыгы чын болсо, атайын издеп келер – деп, жараткандын өзүнөн, мен кургур, ошону тилеп жүргөнмүн». Мына ошондуктан күйөөлөп келгенине карабай, тоолук баатырдын ачууга жеңдирип, Букарга калайман түшүргөнүнө убактылуу басынып турса да, тереңиндеги, жанжүрөгүндөгү арзуусуна баш ийип, Каныкей Манаска карап: «Бактыма төрөм табылдың, кара башым чын тартуу, баатырым сенин жолуңа» – деп агынан жарылган эле.

Таласка келин болуп келгенден кийин шаар чөйрөсүндө өскөн Каныкей өзүнүн дүйнөсүндө өзүнчө бир бурулуш жасап, тоолуктардын турмуш образына бүткүл дитин берип, агынан аңтарылып, элет менен элет болуп, тоо менен тоо болуп, эл менен эл болуп, Талас менен Талас болуп, Манас менен Манас болуп, акырында бардык жан дили менен көчмөн аялга айланып кеткендиги таң калтырбай койбойт. Баса белгилейли, дал ушул керемет өзгөрүүнү тереңден шарттап, түпкүрдөн азыктандырып, мүрөктүн суусундай түгөнгүс  күч-кубат берип, жан дүйнөсүнө канат бүтүрүп турган  бир сыйкырдуу улуу күч бар. Бул күч – Каныкейдин шер Манаска болгон жалындаган сүйүүсү, аруу махабаты дээр элек.

Эпосто Каныкейдин махабаты биринчи жолу олуттуу сыноодон өткөн сюжеттик кырдаал бар. Манас күтүүсүздөн ууландырылып, Көзкамандардын куралдуу курчоосунда жалгыз калып, өлүм алдында тургандыгын капысынан укканда, көзүнүн жашын он талаа кылып,  «олоңдой болгон кайран чачты төбөгө түйүп», жоо жарагын шайланып, Аккулага ыргып минип, көз ачып жумганча өздөн чыккан жаттардын айылына учуп кирип келип, өлөр-тирилерине карабай, чыккынчылар менен салгылашып, «башы челек кан болуп, бүткөн бойдун баарысы, кадимкидей нан болуп, көзкамандар огуна,  эмчек этин жулдуруп, бой-башынын баарысы, бучкактап аккан суу болуп», күйөөсүн ажалдан талашып, акыры Акаяр балбандын жардамы менен Манасты кызыл чоктун ичинен куткарып чыгып кетет.

Көзкамандар окуясындагы көзүнөн көлдөп аккан жашы жана «өлөмүн деп санабай» чыккынчылар менен канга баткан кармашы Каныкейдин Манас менен чынчынында жаны бирге экендигин, Манас үчүн ажалга тике кароого, кара башын курман чалууга даяр тургандыгын айкындап таштады. Андан ары карай Каныкей Манас деп гана жашап калат. Айкөл Манас менен каны-жаны жуурулушуп, өмүр сүрүүнүн өзү Каныкей үчүн Манасча мекенчил болуп жашоо, Манасча эл-жердин камын көрүү, арканды узун таштап, Манасча кенен акыл чуркатуу, журттун коопсуздугу,  анын жакынкы-алыскы иштери жөнүндө Манасча ойлонуу, толгонуу, санааркоо дегенди туюндуруп калат. Журттун ичиндеги колунан көөр төгүлгөн усталарды, жез оймок уздарды, көзгө атар мергендерди, балбандарды жана башка түркүн өнөрлүүлөрдү чогултуп, алардын күчүн уюштуруп, эл үчүн маңдайдан тер агызган мээнетке чегип,  өзү да белин оорутуп, колун жоорутуп, көз майын коротуп, айлап-жылдап түйшүккө белчесинен батып, узак эмгектенип, Манастын кырк чоросу жана кошууну үчүн аскердик курал-жарактарды, аспап-шаймандарды, жоо кийимдерин,  гүлазык, дарыдармекти шайма-шай даярдап, Каныкей сүйгөн жарынын түзгөн мамлекетинин аскердик күч-кубатын чыңдайт.

«Чоң Казатта» Каңгайда Коңурбайдын айбалтасы, найзасы тийген арка-моюну кабылдап, Манас кыйналып турганда Каныкей Таластын түзүндөгү ысыктан качырып, Манасты желмаянга мингизип, Муз-Жайлоо деген салкын төргө алып барып багып, Эр Шуутуга алыстан алдыртып келген «кайнатма кара дарыны» жараатка тышынан жаап,  ичинен «кырма кызыл дарыны» ичирип, «ар чириктин баарысын, кузгундатып тептирип», тышка чыгарып отуруп, кабыланынын «ооруган жерин басууга, умачтай көзүн ачууга» жетишет.

Айкөлү кайтыш болгондо «кабырга сөөгү сөгүлүп», «көзүнөн аккан кандуу жаш, дайра кара суу болуп», жанын коёрго жер таппай, бирде «тоодоюм көк жал ала жат» деп бакырып эси оосо, бирде Кошой абасына эс-мас жалдырап, «үзүлүп кеттим улачы, абаке, чачылып кеттим жыйначы, өчкөн отум тамызчы, абаке, өлгөн жаным тиргизчи!» – деп, өрттөнүп турган Каныкейди карачы…

Каныкей Манастын сөөгүн душман көзүнөн оолак жашыруу үчүн Эчкиликтин кара тоосунун боорунан жашыруун жай каздырып, улуу түйшүккө батат жана айкөлүнө дубанда жок заңгыраган күмбөз тургузат.

Кийин Букарда падыша атасы Темиркандын короосунда жашап жүрсө да, Манас менен кошо, ошондо өлүп албай не болдум, деп күйүнөт. Уулу Семетейине эле үмүт кылганы  болбосо, Каныкей өзүн Манас менен кошо өлүп, бу жарыкта көлөкөсү жүргөндөй эле сезет.

Антка, шертке бекем турган Каныкей Манастын өлөр алдындагы «атаң Темирканга барганда, мойнуна тумар тага көр, чунагың Семетейди бага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин, ошондо энеата жайын билгизгин, колуна мылтык бергизгин, кайра Талас көргөзгүн» деген керээзин кыйшаюусуз аткарып, Семетейи менен Букардан кайтып келип, Таластагы айкөлүнүн Абыке-Көбөш алты арам тарабынан кыйратылган, таланган мамлекеттик ордосун кайра калыбына келтирет.

Мына ушинтип, Каныкей «бир тамчысын калтырбай» бүткүл жан дүйнөсүн арнап, акыркы чычаладай күйүп бүткөнчө Манасына кызмат кылган. Каныкейдин мындай улуу кызматы «Манаста»:

Береги  Манас көк жалдын

Чачылганын жыйнаган,

Үзүлгөнүн улаган,

Сайып жүрүп бак кылган, Салып жүрүп там кылган.

Санжыргалуу Манасты,

Аалам журтка кан кылган,- деп даңазаланган.

Ушул жерден XX кылымдагы индиялык  гуманист Раджинин  «настоящая любовь-это утверждение другого как  уникального, неповторимого, единственного существа» деген сөзүн эске түшүрбөй коё албайбыз. Каныкейдин Манас үчүн күйүп-жанганы ушунчалык, ал үчүн Манас чынында эле Раджи айткандай, жападан жалгыз, кайталангыс, бу дүйнөдө бирөө гана.

Өз кезегинде Манас да өмүрлүк жарга айкөл мамиле жасоонун жогорку өрнөгүн көрсөтөт. Манас алган жарынын өзүнө чын жүрөктөн берилгендигине, ак дилден кылган кызматына, жасаган жакшылыгына ичинен терең ыраазы болуп, жигит кезинде «алты жылдык зыянды, биле турган кызды алам, акыл кошуп жанымда, жүрө турган кызды алам» деген тилегинин ишке ашканына кубанып, өзүн бактылуу сезип, Каныкейге агынан жарылып турат. Көзкамандар окуясынан кийин Манас «өчкөн отум тамызды, өлгөн жаным тиргизди, ошо кайран жеңең Каныкей, сарып кылды малымды, алып калды арамга кеткен жанымды», – деп Эр Шуутунун алдында келинчегин алкайт. Манас Каныкейге карата калыстыгынан өлгөнчө жазган жок.

Каныкей жанагындай кырк чорого кырк калпак, кырк туулга, кырк өтүк, ок өтпөс кырк тон, кырк кемер кур, чапса кылыч кескисиз, сайса найза тешкисиз кырк чопкут, токулга-жасалгасы менен кырк тулпар даярдап, ушунун баарын Чоң казаттын алдында Манастын кыраан кырк баатырына тартуулайт. Чоролор күтпөгөн тартууга ооздору ачылып, айран таң болушуп, Каныкейди алкоого сөз табышпайт. Ошондо Манас зайыбынын кырк баатырына тымызын көргөн камкордугуна, астыртан иштеген керемет сарамжалына ичинен терең ыраазы болуп, жолдошторунун алдында: «Атаң-энең дебеске, артылта камчы салбаска, артынан күнү албаска, ак келтенин огу урсун, көк милтенин чогу урсун!», – деп мындан ары Каныкейди ыйык тутарына шерт берет.

Манас өзүнүн ага достору Бакай менен Кошойго өз бир тууганына ишенгендей ишенет. Ал эми Каныкейге болсо, андан да ашып, Кудайына ишенгендей ишенип турат. Ошон үчүн оорусу күчөп, о дүйнө саларына көзү жетип калганда, Манас ички жан сырын, көөдөнүнө сары майдай сактап келген керээзин эч кимге айтпай, биринчи Каныкейге айтып, бешиктеги уулу Семетейдин тагдырын, кенен айтканда, ата журтунун тагдырын сүйгөн жарына тапшырат. Манас баатыр Каныкейдин өзүнө болжолсуз берилгендигин көрүп, сүйгөн жар жагынан өзүнүн армансыз экенин сезет. Катуу ооруп, өлүм алдында жатканда «Жан курдашым Каныкей – кагып турган жүрөгүм!» – деп Манас өзү да жубайын чексиз сүйгөндүгүн билгизип, канышасына жалбарып, анан акыры бир күнү о дүйнөгө аттанып кете берет. «Каныкей менен Манастын ортосундагы мамиле бири-бирин чын ыклас менен кадиксиз сүйгөн жарлардын мамилеси» (академик Болот Юнусалиев).

Мынакей, караңыз, үй-бүлөнүн пайдубалынын бекемдиги, бүтүндүгү эмнеге негизделе  тургандыгынын түп сыры кайда жатат. Манас менен Каныкейдин жубайлык бул мисалы жүрөктүн түпкүрүнөн нур чачышкан махабаттын күчү аркылуу эпосто айтылгандай, «адырдагы булактай жошулушкан, аркар менен кулжадай кошулушкан», ак кызмат, ак мамилелери менен бири-бирине жагып, бири-бирине чырак болуп күйүп, бирин-бири Кудайындай сыйлап, руханий жактан «күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып» өмүр кечиришкен үй-бүлөнүн ак жаркын өрнөгү.

Кыскасын айтканда, гениалдуу мурасыбыз  – «Манас» эпопеясында жана Калыгул олуянын осуятында «бир үйдүн айы менен күнү» болуп, бактылуу үй-бүлө куруунун философиясы тартууланган. Мындай философия, сабакнуска  жана таалим-тажрыйба бу жарыкчылыкта үй-бүлөлүк  жашоого, урпактарга, жамы адамзат балдарына жарык шоола чачып, маңдайдан күйгөн шамчырак десек жаңылбас элек. Ушундай шамчырактын жаркыраган нурун ээрчиген үй-бүлөлүк  рухий нарк насил улуттук коломтобузда орун-очок алып, тамырлаган. Ысык-Көлдүк Жети Акенин бири Мойт Акенин «Жакшы аял эркекти дөөлөттүү да, барктуу да кылат. Колунан, жүрөгүнөн, пейилинен мээр төгүлгөн аял – кут, ырыскы. Эркектин бактысы аялга болгон изаатында, ишениминде» деген сөзү ошол нарк-насилди улап айтылган терең ой.

Манас ата менен Каныкей энедей «бир үйдүн айы менен күнү» болуп жуурулушуп жашаган жубайлык жуптар кыргыз журтчулугунун ичинде арбын. Төмөнкү реалдуу турмуштук мисалга да көңүл буралы:

«Жумадыл Айымбүбү зайыбына катуу айтып, артылтып камчы чапмак түгүл, «сен» деп айтчу эмес. Айымбүбү байбичеси балдардын атасынын кишичилигине терең ыраазы болуп, өзүн бактылуу сезе турган. Жумадыл жубайынын иштүүлүк, тикмечилик өнөрүн баалап, жөндөмдүүлүгү  кор болуп калбасын деп согуштун алдында «Зингер» тигүүчү машинасын тартуулаптыр. Бул белекке ыраазы болгон Айымбүбү апа: «Эми машинанын убайын бүт айылыбыз менен көрөбүз»,– деп сүйүнгөн экен. Айтканындай эле, Айымбүбү апа согуш учурунда, андан кийинки оор жылдарда айылдагы улуу-кичүүлөрдүн бардыгынын кийимин тигип, элдин алкышына ээ болуп, «машиначы» жеңе аталып калган. Жумадыл менен Айымбүбүнүн өз ара мамилеси руханий ширелүүнүн, бекем ынтымактын, өз ара сый-урматтын үлгүсү эле. Бул экөө өз ара ыйык  мамилелеринен улам аттарынан айтышпай, «Акин», «Жумаке», деп чакырышып, бири-бирин өмүр бою эркелетип өтүштү.

Жумадыл менен Айымбүбүнүн бири-бирине  жаман айтышпаган татынакай өз ара ынтымагы, жубайлардын ак мээнет, адал  эмгек менен  жуурулушкан таза ыйманы , барга топук, жокко сабыр  кылган жашоолору балдарынын тарбиясына өзүнүн жемиштүү таасирин тийгизген. Үй-бүлөдө айылдагы башка бир дагы үй-бүлөгө окшобогон өзгөчө мамилелер өкүм сүрөөр эле. Урушуп-талашуу, нааразы болуп кыжынуу  мындай турсун, катуу сүйлөгөн үн угулчу эмес. Кандайдыр эркин, табигый  мамилелер көзгө көрүнгүс алтын жиптер менен ата-эне баланы  байланыштырып, адамгерчиликтин  жагымдуу  илебине ар дайым  үй-ичи толуп турар эле. Улуулар  кичүүлөр үчүн ага, эже да, дос да, теңтуш да болучу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн  ар дайым кыларга иши жок басып жүрүшкөнүн, байлык жөнүндө кеп салышканын эч уккан эмеспиз.  Эрте жаздан огородго сабиз, чамгыр, капуста ж.б., жер-жемиштер айдалчу.  Коён багып, каз, өрдөк өстүрүү, бал челек күтүү  да айылда  мына ушул  үй-бүлөдөн  башталды. Огороддоруна  картошка  менен арпадан  башканы айдабаган  биздин айылдыктар үчүн, бул өзүнчө эле бир чоң жаңылык болучу. Кичинекейлеринен  эмгекке, китепке жакын болуп өсүшкөн Жумадылдын сегиз баласы кийин Бишкектен, Москва, Ленинграддан окушуп, бардыгы жогорку билимдүү болушту. Жумадыл менен Айымбүбү тунук махабатын, чоң руханий маданияттын адамдары эле. ХХ кылымдын экинчи жарымынын алгачкы 10 жылдыктарында Ысык-Көлдүн асыл тукум жылкы чарбасынын жана Кыргызстандын  ат спортунун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон чоң саяпкер, акылман инсан Жумадыл Баячоров менен Айымбүбүнүн үй-бүлөлүк үлгүсү – бул биз үйрөнө турган сабак. ЖУМАДЫЛРУХ жана АЙЫМБҮБҮРУХ түбөлүккө калууга тийиш» (Кыргыз Туусу 16-18-май, 2000-жыл).

Бактылуу үй-бүлө куруунун өрнөгүн жолун жана сырын бөлөк, чоочун жактардан эмес, адегенде, өз улуттук коломтоңдон, өз жүрөгүңдүн түпкүрүнөн, акыл-эсиңдин тереңинен, сүйгөн адамыңдын жан дүйнөсүн уялаган СЕН деген махабатынан изде. Махабат – жер кыртышы өңдүү. Аял менен эркек ага ташталган үрөн. Махабат кыртышына ташталган «үрөндөн» «жубайлар» деген апаппак кош гүл өнүп чыгат. Ал кош гүл кенен акыл-эс, ак мээнет, бири-бирине болгон урмат-сый менен «сугарылса»,  эгиз гүлдөн бара, бара асман тиреп көйкөлгөн түбөлүктүү кош чынар өсүп чыгат. «Адам баласы өмүрүндө эки жолу эгиз болот,– деп насааттаган айтылуу даанышман Сарт Аке, бир ата-энеден жаралып, бир үй-бүлөдө өнүп-өскөндөр – биринчи эгиз. Адам бойго жеткенде, үй тигет. Үй тигүү деген сөз – үйлөнүү деген сөз. Кыз бала да, эркек бала да бойго жеткенде, буюрганы менен баш кошот. Бул экинчи – эгиз. Адам баласы экинчи эгизи менен (эрди-катын) бүт өмүрүн бирге өткөрөт: жамандык менен жакшылыкты бирге тартат; бул экөөнөн күйүмдүү эгиз болбойт. Адам эгиз жолун бийик тутса, ажырашпайт». Сарт Акенин жубайлардын эгиздиги жөнүндөгү бул терең ою Калыгул олуянын алды жактагы үй-бүлө адеп-ахлагы туурасындагы даанышмандыгы менен үндөшүп турат. Сөздүн соңун Сарт Аке айткандай, бүгүнкү күндөгү кыргыздын бир эгиз үй-бүлөсүнүн айылда өткөн «алтын тоюнда» маареке ээлеринин бири-бирине арнаган алтын сөздөрү менен аяктоо ылайыктуу: Абышкасы: «Айланайын  байбичем, ар качан мага аппаксың, мажнун болуп какшапмын, өзүңдөйдү жапжакшым, төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айлансам таппасмын».  Кемпири:  «Айтамын сөздүн калысын, кагылайын абышкам, ар убак бийик намысың, кадырлап турсаң моминтип, канатым кайдан талысын, күн-түнү тилейм абышкам, жетсе деп жүзөгө арышың, өзүңө аттиң, канаке? Өлбөстүн тапсам дарысын!» Мына, үй-бүлөдө эгиздей болуп жашоонун ак жаркын натыйжасы. Жүрөктүн түпкүрүнөн атылып чыккан укмуш сөздөр.

Бир сөз менен корутундулаганда, кыргыздын адеп-ахлак философиясындагы жана этнотирлигиндеги бактылуу үй-бүлөнүн үлгү – өрнөгү модели ушундай.

VIII. КЫРГЫЗДЫН ТАБИЯТ АДЕБИ

«Торгойдун жумурткасын көрсөң жарбай жүр, убал болот»,  – дейт кыргыз, өзүнүн  чүрпөсүнө. Боз үйдүн түндүгүнө уя салган чабалекейдин «үйү» бузулуп калат деп аяп, жайлоого көчпөй, жакада калган да кыргыз. Кыргыздын тээ илгертен бери жаратылыш менен күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып жашап келгендиги ырас. Кыргыз баласы өзүнүн экологиялык  аруу  моралдык эрежесин, этикалык даанышмандыгын өзү жараткан улуу чыгармаларга түйүнчөктөй түйүп, муундарга осуяттап келген.

Кыргыздын жаратылышка карата жаркын адеби, аксанатайлыгы «Эр Төштүк» эпосу аркылуу  бизге тартууланган. Төштүк баатырдын жан-жаныбарга жасаган гуманизми (терең ордун түбүндө кор болуп, бакырып жаткан аюуга, таманына чөңөр кирип  боздоп олтурган жолборско, уюгу өрттөнүп жаткан кумурскага жапакечтенип жардам бергенин эске түшүрөлү) табиятка айкөл, адамгерчиликтүү мамиленин өрнөгү. Төштүктүн мамилесине жетине албай,  сыйга сый, сыр аякка бал дегендей, айбанаттар ага «гүлдөй бажырайып» ачылышып, «Өчкөн бир отум тамыздың, Төштүк! Өлгөн жаным тиргиздиң, Төштүк!» деп, жандары калбай алкап турушат. Зарыл учурда чакырсаң, жардамга келем деп кумурска Төштүккө бир бутун жулуп берет. Айбанаттардын алкап жатканы бекеринен эмес. Жаратылыш бардыгын сезет, туят, адамга ийип мээримин чачыратат. Маселен, мынабу өсүп турган чөп  бул да бизге окшоп жарыкчылыкка туулган тирүү жандарман. Чөп да биз өңдөнүп кадимкидей  кайгырат, кубанат. Ызгаар, кар каптаган  күнү белин ийип, башын салаңдатып  салбырап турат, каны катып суусаса кубарып өң-даалаттан кетет. Чөп да тирүүлүктү эңсейт, соолугусу, куурагысы келбейт, боюн керип күндү карай умтулат, топуракта тамырларын балкытып, күн нуруна денесин чалкытып, жорткон желге бой ыргап, жадырап-жайнап өскүсү, жакшылык көрүп жашагысы келет. Албетте, Төштүк баатырдын айбанаттар менен сүйлөшкөнү же болбосо айбанаттардын Төштүккө сүйлөгөнү – бул көркөм метафора деңизчи. Бирок бул көркөм метафоранын маңызы өзгөчө. «Төштүк» эпосу бул метафора аркылуу адам менен айбанаттын ортосу «кытай дубалы» менен бөлүнүп турбагандыгы, айбанаттын да кишиникиндей өзүнүн «жан дүйнөсү» бар экендиги, анын да киши менен тил табышууга, сыйлашууга, сырдашууга жөндөмдүү экендиги, табиятка жасалган мээримдүү мамиле түбү адам баласына кайрадан жакшылык болуп кайтып келээри жөнүндөгү гуманисттик ой уютмасын насааттап турбайбы.

Мифтик дейбизби, зооцентристтик түшүнүктөр үстөмдүк кылган заманда жаралган чыгармалар  дейбизби, кандай болгон күндө да, «Эр Төштүк» эпосу  бүгүнкү экологиялык кризиске  тушуккан адамзатка пайдалуу, керектүү, эң актуалдуу гуманисттик  идеяларды тартуулап турган улуу классика.

«Эр Төштүктүн» табиятчыл гуманизмин турмушта реалдуу жашап өткөн бабабыз, кийинки акылман Асан Кайгынын улуу этикасы толуктап турат. Асан Кайгы ар бир жаныбардын бу дүйнөгө жаралып калгандыгы үчүн айыптуу эмес экенин туюнган. Алардын жашоого табигый укугун урматтаган. Асан Кайгы жаныбардын өзүнө айлана билип, жарыкчылыкка жаныбардын көзү менен карап, жаныбардын жүрөгү менен суусап, тирүүлүккө кумарланган. «Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен? Таразасын көтөрүп, тарбаңдаган шор тумшук, ташбака байкуш кантти экен? Боору жерге жабышкан, баса албаган балчактап, бака байкуш кантти экен? Кирер эшиги жок, корголор тешиги жок, коңуз байкуш кантти экен?» деп, ар дайым жан-жаныбарлардын тагдырын ойлоп, убайым жеген. Асан Кайгынын адеп-ахлагы – бул кыргыз калкынын айкөл адамгерчилигин, мээримдүү жан дүйнөсүн, жаратылышка түшүнүүнүн, аны урматтоонун, табият менен жуурулушкан улуу акылмандыктын жана руханий сергектиктин символу.

«Семетей» эпосунда  Букарга качып бараткан кезде жол азабын тарткан Каныкей менен карыган Чыйырды эне бир түп Байтеректин түбүнө токтошот.  «Ошо турган Байтерек, бутагында куштары, жаныбар булкунуп турат учканы. Тегерегинде куштары, Теминип гана турат учканы».

Байтерекке Каныкей төмөнкүчө жалынат: «Биз  өңдөнгөн бакырга, ата болчу Байтерек, Кайран жандан түңүлдүк, алдыңызга жүгүндүк. Өчтүм, отум тамызчы, Байтерек ата, өлдүм жанды тиргизчи! Үзүлүп кеттим улачы, жансыз да болсоң Байтерек, менин абалымды сурачы!» («Семетейден»). Ошол кезде Байтерек күңгүрөнүп сүйлөгөнсүйт. Аңгыча бир бутактын түбүнөн  булактап сүт чыгат. «Бир бутактын четинен ошондо, булактай агып сүт кетти, ачка болгон карыптар, жан аякты сунушуп, жайнап чыккан аппак сүт, тосуп ичип тунушуп, баягы сүттү ичкенде, ооруган жерлер басылып. Баягы Каныкей менен Чыйырды,  Умачтай көзү ачылып».

Каныкей менен Чыйырды теректин сүтүнө  тоюп уктап кетишет. Ошондо  бир бугу пайда болот. «Ошондо он эки айры ак  бугу, чуркап жетип келди эле. Бешиктеги беренин – Семетейди көрдү эле. Үч айланып балага,  эне болуп калды эле, кыңкыйып жетим жатты эле,  эмчегин берип ал бугу, мойнун гана бөлөк буруптур, бу баланын өзүнө, эмчегин гана берип туруптур, ошо кезде ак марал ийип эле турат көрдүңбү?».

«Семетейдеги» оригиналдуулук менен табылган бул ажайып эпизоддордон улам эмнени айткыбыз келет. Албетте, бул керемет окуялар «Семетей» эпосунун символдук мааниде бизге тартуулап жаткан даанышмандыгы. Адам табиятка түшүнсө, боорукер мамиле жасаса, ага карата таза ниетте, тунук ойдо  болсо, өз кезегинде табият да адамдын таза дилин, жакшылыгын сезип туюуга жана ага ийип, мээримин төгүүгө жөндөмдүү. Адам табияттын перзенти, ал эми табият-эненин өз перзентине «эмчегин» эмизбей, сүтүн бербей коюшу мүмкүн эмес. Адам табиятэненин чүрпөсү экенин сезип, ага өзүнүн биологиялык апасына жасаган мамилесиндей мамиле жасашы абзел. Жогорудагы Байтерек менен Ак бугунун көркөм символикасы аркылуу «Семетей» эпосунда адам менен табияттын эне менен баладай ажырагыс биримдиги тууралуу даанышман идея тартууланган.

Биздин адабий-рухий мурастар жаратылышка болгон жаркын мамиленин өрнөктөрүн гана тартуулабастан, табият менен баланс, биримдик, ынтымак мыйзамы оройлук менен бузулса, ошол жерде ар качандан бир качан сөзсүз кишинин тагдырын жамандык күтүп турарлыгы тууралуу насыйкаттарды урпактарга арбын калтырган. «Кожожаш» эпосунда Сур эчкинин  каргышы табияттын өзүнө карата жасалган ташбоордукту, катаалдыкты, зордук-зомбулукту кабыл албай тургандыгынын көрсөтмө-белгиси. Ал эми өзүнүн күчүн  ашыра баалап, айыпсыз жаныбарларды кырып-жойгон Кожожаштын Сур эчкини кууп жетем деп кубалай берип, акыры көк мелжиген жалама асканын боорунда калып, кайра жерге түшө албай,  өлүмгө учурашы жаратылышка  эрегишүүдөн  жана ага кыянаттык кылуудан улам келип чыккан адам трагедиясынын символ-сабагы.

Элдик поэма, айтылуу «Карагул ботомдо» тектирден теке, будурдан буга атып, бооз деп эчкисин атып, кооз деп элигин атып дуулап келген 70тен ашкан карыган мергенчинин трагедиясы баяндалат. Мергенчи бир күнү аңчылыктан жолу болбой келатып, атасын издеп чыгып, чарчап, арчанын түбүнө уктап калган кичинекей эликтончон баласын кайберендин чаарчыгы экен деп, аңдабай атып алып, тирүүлөй өлүп, Кудайга үнү жетип:  «Байкабай элик экен деп, ботом, башын жедим баламын, ботом!»  – деп ботодой боздоп турат. «Карагул ботом»  чыгармасы табияттын убал-сообун ойлобогон катаал жүрүм-турумдун айынан туулган трагедияны чегине жеткизе курчутуп, чокусуна чыгара сүрөттөгөн, жаратылыш менен кишинин ортосундагы конфликттен  чыккан кайгы-муңду мынчалык деңгээлде сай-сөөктү сыздатып ырдаган бул өңдүү чыгарма дүйнөлүк адабиятта жок болсо керек.

«Карагул ботомдон» чыгаар тыянак, сабак ушул: табият энеге каршы ок атканың – өзүңө ок атканың, андан ары барып балаңа ок атканың. Терең карай келгенде, мергенчинин ыйы – бул  ыза-кордук  көргөн табияттын өзүнүн ыйы, адамдын жүрөгү менен табияттын өзүнүн сыздаганы. Терең түшүнсөк, бул жерде мергендин баласына териси тон болгон алиги атылган чаарчык чыркырап ыйлап жатат. Айтмакчы, өйдөдөгү «Буудайык» жомогу илгерки  «Карагул ботомдун» тереңдеги логикасын уланткан сыяктуу.  Бүгүнкү күнгө  которуп, кеңири чечмелей айтсак, кыргыз акылмандыгынын эскертүүсү бул: табият эне менен адам баласынын эриш-аркак мыйзамы, өз ара гармониясы сакталбай, азыркы экологиялык кризис учурундагыдай улана турган болсо, жакынкы келечекте  өзүнүн цивилизациясы өзүнө каршы ок болуп, жер үстүндөгү адамзат кайгылуу «Карагул ботомду»  ырдап калышы мүмкүн.

Айтмакчы, бир жагынан жогорудагы «Кожожаш» эпосу кайгылуу трагедияны гана эмес, оптимисттик символду тартуулагандыгы менен да биз үчүн баалуу. Эпостун финалындагы Кожожаштын уулу Молдожаш менен Сур эчкинин акыры тынчтык келишимге келиши жана Молдожаш Сур эчкинин кызы Ашайранга үйлөнүп, бактылуу болушу – бул адам менен табияттын өз ара ынтымактуу, гармониялуу мамилесине альтернативанын жоктугу жөнүндөгү философиялык  осуят. «Кожожаш» адам-табият мамилеси жаатынан дүйнөлүк, жалпы адамзаттык деңгээлдеги идеяны камтыган улуу чыгарма.

Бул казалында Жеңижок аккан сууга философиялык өңүттөн мамиле этип, ага жер үстүндөгү жашоо тирликтин негизи, булагы катары караган. Жакшыга да жаманга да бирдей карап, эч кимди, эч нерсени жиктеп бөлбөй, дүйнөдөгү бардык жандарга, заттарга тегиз өзүн курман чалып, «желип өткөн жерине, жемиш чыгып», өзөккө кирип кан болуп жүгүрүп, жашоо отун тутантып, бирде өзөндө мелмилдеп, бирде капчыгай ичинде күрпүлдөп, бирде талаага таалай болуп төгүлүп агып жаткан мөлтүр кашка сууну Жеңижок өзүнүн акындык жүрөгүнөн чыккан не бир укмуш керемет сөздөрдү арнап жеткире сүрөттөп, даңазалагандыктан жана анын дүйнө тирлигиндеги, адам баласынын жашоосундагы ролун, маани-маңызын ушунча кашкайта ачып көргөзүп бергендиктен, бу «жети кабат жер астын жарып чыккан аккан сууну» улуу Жерэнебиздин бизге берип жаткан «эмчек сүтү» деген аруу ойго келип такалбай койбойсуң. «Эмчек сүттү» булгагың келбейт, «эмчек сүттү» актагың келет. Бир сөз менен айтканда Жеңижоктун «Аккан суусун» окуганда, өзүң да ошол аккан суудай нравалык жактан тазарып чыгасың. «Аккан суу» ыры сууга арналып ырдалган жер үстүндөгү улуу гимн. Адам баласынын сууга болгон урматынын символу.

Бирок ошондой болсо да Жеңижок өз заманында далайлаган адамдардын сууну кадырлабаганына, ага кесирчилик кылганына, суунун булганып жаткандыгына кейиген.

А жаныбар, аккан суу,

Жок дегенде бир күнгө,

Келбей койчу таарынып, Кесирленип жүргөндөр, Чуркайт эле ак уруп.

Барктабастан жүргөндөр, Айчылык жерде болсоң да, Жетет эле жалынып.

Жеңижоктун бул саптарын окуганда үргүлөп бараткан уят-абийириң, жан дүйнөң селт этип чочуп, каны-жаныңа барабар суунун маанисине дагы бир жолу көзүңдү чоң ачып карап аласың. Неси болсо да, Жеңижоктун тушунда суу салыштырмалуу таза эле. А кезде цивилизация экологияны буза элек эле. Бүгүнкү күндө абал кандай? Капчыгайлардагы ылайланып аккан дарыяларды, көзүндө арактын бөтөлкөсүнүн сыныктары жаткан кирдеген булактарды, ичине, жээктерине таштанды, ыпыр-сыпырлар төгүлгөн өзөн жана канал сууларын карагылачы! Ушул көрүнүштөрдүн бардыгы адамдардын уят-абийирин май баскандыгын, алардын адеп-ахлак жактан деградацияга учурап отургандыгын күбөлөйт.

Суу – Жеңижок үчүн, маркум адабиятчы Аман Токтогулов айткандай, тазалыктын идеалы. Адам тоо булагындай тазармайынча коом тазарбайт. Адамдын суудан үйрөнө турган өрнөгү – тазалык жана марттык. Ал эми адам адеп-ыйман жактан таза болуш үчүн ал өзү сууга – Жер эненин «эмчек сүтүнө» таза мамиле жасашы шарт. Сууга карата болгон урмат, кадыр, ак мамиле – абийирдүүлүктүн ченеми. Сен өмүр отун жандырган, тирликтин булагы болгон сууга камкор, бүйрө, таза мамилең менен, аны пир тутуп, аздектей билгениң менен кишисиң. Акын суунун кызматын, асылдыгын түшүнө билүүгө негизделген акыл-эстүү жүрүм-турумду адамдардан күткөн. Мына ошон үчүн Жеңижок «суу сыйлаган зор болор», – деп сууга болгон мамилени чоң нравалык маселе катары карап отурат. «Адамзат пендеси, аккан сууну булгаба, суу кордогон кор болор» деген акындын сөзү бүгүнкү күндө экологиялык эскерткич жана экологиялык чакырык катары угулат. Адамдын абийир-ыйманы бузулса тегеректеги суулар да булганарын, адамдын уяты тазарса, аң-сезими тунук болсо, суу да таза жана тунук болорун эсибизге түйүп жүрүүгө тийишпиз. Суудай тазаруу – алдыдагы абийир милдети. Жеңижок сууга кайрылып: «Укум менен тукумга, белек болуп барарсың», – дейт. А бирок биз Ала-Тообуздун сууларын кийинки муундарга кантип таза, тунук кылып жеткиребиз? Бул жөнүндө өзүң жакшылап ойлонуп көр.

  1. Молдо Кылычтын адамзатка айткан насыйкаты

(«Буудайыка» буккан философия)

Элдик акындардын акыл-насыят казынасында жашаган өлбөс-өчпөс, бүгүнкү күн үчүн кызылдай актуалдуу бир даанышман  нускага көпчүлүктүн көңүлүн буралы деп отурабыз.  Молдо Кылычтын көркөм мурастарынын арасында адам-табият мамилеси  жаатында жалпы адамзат балдарын ойлонто, толгонто турган улуу идея-осуятты камтыган бир ажайып чыгарма бар. Ал – илгертен келаткан элдик жомоктун негизинде иштелип чыккан акындын «Буудайык» аттуу поэмасы. Мазмунун тереңдиги жагынан «Буудайык» дүйнөлүк классиканын катарында тура турган залкар чыгарма деп айтышка негиз бар.

Поэманын каарманы Каратөлөк саятчы асманда эркин чабыттап учуп жүргөн, эзели кишиге карматпас, канаттуулардын төрөсү деп аталган, багынбас, баатыр кушту – Буудайыкты айласын таап колго түшүрсөм, анан аны ханга тартуулап, төө баштаган тогузду алсам, сандыгымды сары алтынга  толтурсам деп ак эткенден так этет, байлыкка суусайт. Акыры Каратөлөк эңсеген тилеги ишке ашып, Буудайыкты кармап, ханга тартуулап, дүнүйө-мүлккө аябагандай туйтунуп, чөмүчү май, көңүлү жай болот.

Бирок бул жерде ойго келбеген көйгөй келип чыгат. Хандын колундагы Буудайык кондурса колго конбойт, таптаса тапка келбейт, үндөсө үндөккө келбейт. Айласы кеткен хан калкына кабар кылып: «Буудайыкты ким тапка келтирсе, самаганын беремин»,– деп жар салды. Кушту тапка келтирүүнү эч ким билбейт. Ошондо элдин ичинен бир кемпир чыгып, каалаганымды орундата турган болсоң, Буудайыктын тапка келээр жолун айтам дейт. Хан макул болот. Кемпир: «Ханым, Буудайыкты ким кармаса, ошол адамдын төш этинен ойгузуп, боор этине тойгузуп, канын көзүнө куйса, ошондо кушуң тапка келет да, көзүнө көрүнгөндүн баарын алат»,– деп сырды ачыкка чыгарат. Хан Каратөлөк саятчыны жигиттерине дароо алдыртып келип, зордук менен өлтүртүп, төшүн ойгузуп, ичин жарып, боор этин алып буудайыкка жем кылып берет.

Саятчынын канын куштун көзүнө куйдуртат.

Ошондон кийин буудайык тапка келет да, тоо-талаалардагы жан-жаныбарларга кыргын салып кирет. Аңчылыктын рахатына баткан хан жыргалга тойбой, акыры Буудайыкты жаратылыштын дагы бир төрөсү – алтымыш айры Ак бугуга шилтейт. Бирок Буудайык табият төрөсү Ак бугуга ызаат кылгандай кол салбайт. Буудайык кол салбайт да, хандын чек билбеген кумар-араанын таш каптырып, алтындан жасалган боосун тытып, асманга атып чыгып, ай, күндү карай сызып, көздөн кайым болот.

Поэма ойдогудай көркөм, күтүүсүз сюжеттик бурулуштарга карк болуп, курч жана терең жазылган.

Бирок бизди кызыктырган нерсе, бул жерде Молдо Кылычтын чыгармасынын сюжеттик-логикалык өзөгүнөн сызылып чыгып турган философия болуп отурат. Чыгармадан илгертен келе жаткан табият мыйзамын осолдук менен аттоо, ортодогу тең салмактуулукту бузуу, жаратылышка  карасанатайлык, зомбулук кылуу, аны эркинен ажыратып, тебелеп-тепсеп ойго келгенин кылуу, өзүнүн өзүмчүл мүдөөлөрүн жана чектен чыгып кутурган кумарларын, күсөө-суусоолорун кандыруу акыры адамды трагедиялуу финалга алып келбей койбойт деген акылман тыянак келип чыгып жатат. Карачы, бул жерде канчалаган айыпсыз жан-жаныбарлар бөөдө кыргын тапты, асманда Буудайыктын өзү адам баласынын айынан күнөөгө белчесинен батты, Каратөлөктүн өзү өлүмгө учурады.

Байып, бактылуу болом деген Каратөлөктүн ошол кармаган Буудайык куштун өзүнө кайра жем болуп, боору чокулуп, каны  төгүлүшү – бул символикалуу. Терең аңдасак, жаратылышты кордоо, туткундоо, жок кылуу – бул ошол эле учурда өзүнө каршы өзү жаа тартуу деген кеп экен. Бул  жерде кайра эле алиги Кожожаштын айтылуу трагедиясы кайрадан бөлөкчө вариацияда кайталанып жатат. Демек, жаратылыш менен баланс, биримдик, ынтымак мыйзамы оройлук менен бузулса, ошол жерде ар качандан бир качан сөзсүз  кишинин тагдырын жамандык күтүп турат. Улуу чыгарма «Буудайыктын» мазмунунан табият менен болгон мамиледе биринчи иретте, кутуруп, ашып-ташып араанын ачып жибере турган  напсиңди тыйып, барга топук, азга сабыр кылып, жаратылыш-эне менен тең салмактуу  алакада күн көрүп, баягы акылман Асан Кайгынын «Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен?» деген сыяктуу боорукер, мээримдүү, гуманисттик осуятынын сабактарын ичиңден арка-бел кылып жашашың ылайык деген нуска-кеп чыгып жатат го.

Буудайыктын алтын боосун тытып, ай, күндү карай учушу табияттын кишинин өзүмчүл, өкүмчүл эркине каршы козголоң-бунтунун жана багынбастыгынын символу. Ушул ойлорго кошумча, мен сиздерге атактуу адабият сынчысы Кеңешбек Асаналиев менен айтылуу Эл мугалими Бектур Исаковдун «Буудайык» жомогунун маңызын чечмелеп чыгарган бүтүмдөрүн да тартуулап коёюн: «Бул жолу Буудайык адамдын эркине баш ийбейт, анын зордугуна көнбөйт. Эмне үчүн? Анткени, табияттын, жаратылыштын гармониясын бири-бирине ык келишкен эриш-аркагын бузууга болбойт. Жаратылышты зордоп багынтуу үчүн, аны өзү каалагандай жумшап иштетүү үчүн, б.а. жаратылышты өз табигый касиет-сапатынан ажыратуу үчүн адам канчалык аракеттенбесин, ал турмак, канча ирет өз өмүрүнөн кечпесин, баары бир жаратылыш мыйзамын бузууга, же ошол мыйзамга каршы турууга эч мүмкүн эмес. Жаратылыш өзүнүн табигый абалында жашоого тийиш. Анткени жаратылыш ошончолук бийик, ал ай менен теңдеш, күн менен теңдеш. Бул поэманын элдик түп негизинде жаткан адам менен табияттын ортосундагы бөлүнбөс бирдик идеясы, бул анчейин гана кыргыз фольклорунун, кыргыз маданиятынын жекече гана улуттук кенчи, мүлкү эмес, ал жалпы адамзаттык кадыр-баркка толук татырлык  окуя, көрүнүш десе болот» (К.Асаналиев). «Бул дастан – эскертүү, адамзатка сабак. Сулуулукту талкалап, ыйыктыкка кол салганга мүмкүнчүлүк түзгөндөр да жазаланат. Демек, «Буудайыктагы» катылган алтын кенч-бул ар бирибизге берилген тапшырма. Болгондо да акылыңды жоготуп, көөп баратканда, эсиңе келтирип  туруучу улуу чыгарма». (Бектур Исаков).

Молдо Кылычтын «Буудайык» чыгармасында кыргыздын адеп-ахлак даанышмандыгы камтылган. Бул – табиятка адамча мамиленин идеологиясы. Буга жамы адамзат балдарынын кулак төшөгөнү оң.

X. БИРИМДИК

(«Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым»)

«Манас баатыр катары калкка таанылып, «ат жалын тартып минип» атагы билине баштагандан тартып өмүрүнүн аягына чейин эл-журт биримдиги үчүн кызмат кылат. Анын ар бир иш-аракети адегенде чабылып-чачылган элдин башын коштуруп, ата-бабадан калган мекенине чогултууга арналса, өмүрүнүн калган бөлүгү ошол баш кошкон журттун  биримдигин чыңдоо, дос-душманга бирдиктүү, ынтымактуу, күчтүү эл катары таанылуусун камсыз кылууга жумшалат» (Кыргыз адабиятынын тарыхы, 2-том. – Бишкек, «Шам», 2004, 590-бет). «Манаста» айтылган төмөнкү осуят өзүнүн терең мааниси менен түздөн-түз бүгүнкү урпактарга багышталып тургандыгын түшүнбөй коюу мүмкүн эмес:

Тели куш салдым, куш кылдым, Тентиген жыйып, журт кылдым. Кулаалы салып, куш кылдым, Курама жыйып, журт кылдым. Менин бир көзүм өткөн соң, Жакшы куштап багып ал.

Ушул улуу осуятты ар дайым көңүлдүн борборунда тутуп, Манас атанын тарыхый мээнетин дагы да ого бетер бекемдөөгө тийишпиз.

«Манас» эпосунда  Манас баатырдын биримдик, ынтымак идеясын уланткан идеолог Бакай экендигин баса айтып өтүшүбүз керек. Өзүнүн жаратылышы боюнча данакер Бакай ички ынтымактын дайымкы жарчысы.

Бакай эл-журттун ички ынтымагын жана биримдигин жеңиштердин, ийгиликтердин ачкычы, тышкы карасанатай күчтөрдүн кысымы алдында сепил сыяктуу кебелбес, ноюбас болуунун кепилдиги, турмуштун бороон-бурганактуу жолдорунда калктын аман-эсен сакталышынын куралы катары туюнат. Мына ошон үчүн ал өмүрүнүн акыр-аягына чейин ак калпак журттун ички ынтымак-биримдигине доо кетирген Абыке-Көбөш алты арамга жана чыккынчы Канчоро Кыяздарга каршы турган.

Кеменгердин логикасы боюнча калдайган калың журтмун, сан жагынан сансызмын деп мактануу да эп эмес. Эгерде ички ширелишкендиги жок болсо, калктын сан жагынан көптүгү капсалаңдуу кыйын-кезеңде ынанымдуу тирек болуп бербес. Мына ушундан улам Бакай ынтымагың жок болсо «пил да болсоң жыгыласың, миң да болсоң кырыласың» «Ынтымактан качкандар, ыгы жок өзү кор болот» деген орошон насыятты айтып отурат. Ырасында эле, ичтен  ыдырап, бөлүнүп жарылуунун айынан  жер үстүндө далайлаган империялар, калдайган калың журттар тарых сахнасынан орду-түбү менен жок болуп кеткендигин турмуш көп жолу далилдеп берген.

Семетейдин доорунда,

Серпишкенге бой бербес, Сепил болуп калгыла!

Ынтымактан качкандар Ыгы жок өзү кор болот! – деп акыл-насыятын айтып, Бакай 90 жашында калкты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга, улут коопсуздугу үчүн бир муштумдай болуп биригүүгө чакырып турат.

Кыскасын айтканда «Манас» мурасыбыздагы «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет, жарылсаң ууру алуучу, жарылып калды кыргыз, – деп жаманатты кылуучу», «өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезең кырдаалдарда калайыккалк бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. Кыргыздын алдыңкы акылман  акыл-эси өз ара коюн-колтук алышкан, ынтымактын («Бирдик болбой – тирдик болбойт» – эл макалы) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин терең туюнган.

Ак калпак калкыбыздын, калдайган Ала-Тообуздун, Мекенибиздин бүтүндүгү элибиздин биримдиги – бул Манас атадан калган биздин ыйык улуттук идеябыз жана бул идеяга изден тайбай кызмат кылуу – атуулдук адепахлагыбыздын көрсөткүчү.

Бүгүнкү Кыргызстандагы партиялардын саясатынын жана ишмердигинин критерийи – ушул улуттук биримдик идеясы болууга тийиш. Кандайдыр бир партия, анын лидерлери «Манастагы» «Абыке-Көбөш алты арамга», «Көзкамандарга» же болбосо Телторуну бербеген Тейитбекке окшошуп турууга тийиш эмес. Мейли плюрализм болсун, түркүн коомдук-саясий, экономикалык маселелер боюнча ар түркүн пикирлер, позициялар, талаш-тартыштар партиялардын арасында, оппозиция менен бийликтин ортосунда боло берсин. Бирок, осолураак болсо да макалды колдонуп айтканда, «айыл ити ала болсо да бөрү көрсө чогулат» дегендей, түркүн партиялар да, оппозиция да, бийлик да келишпөөчүлүктү таштап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган бир ыйык нерсе бар. Ал ыйык нерсе – Мекен, анын эгемендүүлүгү, бүтүндүгү, стабилдүүлүгү, эл биримдиги жана улут аралык ынтымак.

Ынтымак, биримдик жок жерде улут ичи бөлүнүп-жарылып, бүлүнүүгө дуушар болуп, а түгүл айлана-тегеректеги үзөңгүлөш калктардын да ынтымак-достук байланыштары ыдырап, бүтүндөй зор аймак трагедиялуу тагдырга кериптер болгонуна тарых далай ирет күбө болгон. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын түндүгүн жогору көтөрүп турган философиялык идея-нарктардын бири – бул эл-жердин биримдиги жөнүндөгү осуят. Бул насыят «Сынган кылычтын» сюжеттик-образдык структурасынан агып чыккан идеологиялык үлкөн мүлк. «Өздөн чыккан жаттан, өзөктөн чыккан өрттөн» азап чеккен, элдик көтөрүлүштүн жетекчиси Исхак хан мындай дейт:

Жапалак үкү мактанса, Жардан чычкан алдым дээр. Жаман тууган мактанса,

Жакшымды буттан чалдым дээр.

Илгери ошо жакшысын буттан чалган жамандар, койнунда котур ташы бар, арымы кыска «Абыке-Көбөш алты арам» сыяктуу майдалар журт башына келгенде, «Кулаалы жыйып куш кылган, куранды жыйып журт кылган» улуу Манастын ордосу кыйраган. Мына ушул «Абыке-Көбөш алты арам» фактору XIX кылымда да кыргыз, кыпчак, өзбек элинин ичинде, жалпы эле Түркстанда өзүнүн ичтен ириткен ролун активдүү ойноп жатат.

Ата-журттун боштондугун коргоп, баскынчы генерал Черняевдин армиясын алдынан тосуп, өзүнүн аскери менен колонизатордун колун селдей каптап, чабуулга өтүп бараткан колбашчы Алымкулду жаман туугандардын жашыруун айдактоосу менен жанында жүргөн Удайчысынын аңдып туруп, атып өлтүрүп кетиши – бул «Сынган кылычтагы» ошо Абыке-Көбөшчүлүктүн классикалык үлгүсү. Түндүк тараптан темир тумшук алпкаракуш (падышалык армия) Түркстанга жутунуп тумшугун салып келатса, тоо-талаадагы мусулман түрк калктарынын өз ара буттан чалышып, чалкасынан салышып (Бухара хандыгы менен Кокон хандыгынын өз ара чабышы, Худаяр-хан менен Мусулманкулдун согушу, кыпчактардын кырылышы ж.б.), бирин-бири алсыратып жатышканын көрүп Календер кайгырып минтип ырдап турат:

… үрөйүң бир, тилиң бир, үйүт, каадаң, дилиң бир… эки тууган өзүнчө, эски душман көзүнчө чайпалып жүрүп төгүлүп, чабышып жүрүп сөгүлүп, тарки кетер элиңдин, калыс болор эми ким?!. …ар тайпаңда бирден бек, ат үстүндө жүргөн көп, кеп жугушпай ыркырап, келише албай тынчырак, ынтымагы кеттиби, ыйык чектен өттүбү… учкан куштай кылактап, уламдан-улам ыраактап баарыңан качар ырыс, бак…

Кыскасы, Төлөгөн Касымбеков Түркстан элдеринин, кыргыз-кыпчактын ич ара да, өз ара да бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымак-биримдигинин жогунан, Фергананын «Абыке-Көбөштөрүнүн» (Кудаяр-хан, Насирдин ж. б.) айынан, душманга колтук ачкан чыккынчылыктын, саткындыктын кесепетинен (Абдырахман, Ярмат датка, Шамырза датка ж. б.) мусулман эл-журттун кандайча баскынчыларга багынып, мамлекетинен ажырагандыгын көркөм боёктун күчү менен кашкайта тарткан.

Бул трагедиялуу тарыхый окуя төмөнкү кыргыз жомогунун акылман насыйкаттын эске бекем тутуунун аба менен суудай зарылдыгын туюндуруп турат: «Илгери-илгери бир акылман карыянын тогуз уулу болуптур. Бирок балдары атасынын айткан акылын укпай ар кимиси өз бетинче жүрүп, чоңу кичинесин сабап, кичинеси чоңуна акырая карап, биримдиги жок тогуз бир тууганды бөлөк кишилер да уруп кетишчү экен.

Бир күнү атасы балдарынын кылыгын ойлоп терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, карыя тоого барып, үйүнө чоң тутам тобулгуну жыгачын көтөрүп келет. Анан балдарынын баарын чогултуп алып:

  • Кана, балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн. Мынабу тобулгуну ушу тобу менен сындырып көргүлөчү, – деп байланган тутамды карматты. Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынашты. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып отуруп калышты. Карыя тобулгунун боосун чечип:
  • Эми бирден сындырып көргүлө, – деди. Балдары бирден тобулгуну ошол замат эле чарт-чурт сындырып салышты. Алар сындырганына мактанышып, жыргап калышты. Ушул жерде да сен-мен деп айтыша кетип жатышты. Күчтүүлөрү күчү жогун жыга коюп, кыр көрсөтүп турушту. Эми абышка балдарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады.
  • Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп. Эгер ыркыңар жок болсо, душман деген силерди жанагы жалгыз тобулгудай чарт-чурт сындырып коюп кете берет. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара да албайт. Мына аны көрдүңөр го. Турмуш деле ушундай; Силер канчалык бирдиктүү болсоңор, ошончолук зоболоңор көтөрүлөт. Ынтымак бар жерде ырыс токтойт. Менин айтарым ушул, балдарым. Эсиңер болсо, айтканымды угуп калгыла, – деп карыя сөзүн бүтүрөт.

Көп узабай карыя кайтыш болот. Балдары атасынын айткандарын эстеп акылга келип, бирдиктүү оокат кылышып, касташкан душманын жеңип, артык дүйнөсү болсо бей-бечерага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүшүптүр. «Ырыс алды – ынтымак» деген сөз ошондон калган дейт». («Кыргыз эл жомоктору» китебинен). Бул жомоктун осуяты бир үй-бүлөгө гана арналган осуят эмес. Бул насыйкат бүтүндөй улутка, мамлекетке, калктар аралык мамилелерге багышталган биримдик жөнүндөгү социалдык философия.

Жыйынтыктап айтканда, биримдик, бекем ынтымак, тыгыз баш кошкондук улуттун ички түркүгү, өз алдынча аман сакталышынын гаранты, Ата-журттун бороон ала алгыс коргон чеби жана урагыс пайдубалы.

  1. КЕҢЕШЧИЛДИК: ЭР ЖАНА ЭЛ

Манастын менталитетинин дагы бир жагын белгилөө зарыл. Эл ичинде «Кеңешип кескен бармак оорубайт», «Отуз өлчөп, бир кес», «Он жолу ченеп, бир жолу кес» деген акылман макалдар бар. Биздин кыргызда илгертеден эле демократия деген нерсенин башат-жөрөлгөлөрү боло келген. Элибизде маанилүү маселелер дайыма көпчүлүктүн элегине салынып чечилип келген. Мындай көрөңгө болбосо, азыркы демократия кыртышыбызда түйүлдүк алып, тамыр байлап, көгөрө баштабас эле. Манас ата да калкыбыздын ошондой демократиялык жөрөлгөсүн көкүрөгүндө көтөрүп жүргөн каарман. Калк тагдырына тиешелүү чордондуу маселелерди Манас ар дайым ортого коюп, эл менен кеңешип, акылдашып чечет. Калайык-калктын эрки, бүтүмү ал үчүн ыйык. Маселен, Анжиянды ээлеп жаткан Алооке кандын элчи аркылуу айттырган сунушун талкуулоо үчүн, Манас өзүнө кыргыз-казак урууларынын эл бийлеген жакшыларынын, баатырларынын, акылга дыйкан аксакалдарынын бардыгын кеңешке чакырат. Көпчүлүк чуркурап бир корутундуга келгенден кийин гана Манас Алоокеге каршы аттанып чыгат. Элдин ой-пикирин, Бакай, Акбалта, Кошой сыяктуу акылман карылардын акыл-кеңешин жата калып угуп, дайыма көпчүлүктүн пикири менен эсептешип турат. Манас атабыздын мындай этикасы бүгүн кандайча бизге үлгү эмес?

Кыргызда «жалгыз аттын чаңы чыкпайт» деген кеп бар. Манас канчалык акылман, арстан болсо да, жалгыз өзү көздөгөнүнө жете албайт эле. «Манастын Манас болмогу, экөөбүздөн болуучу» деп, Бакай Чубак баатырга туура айткандай, Манасты Манас кылып максатына жеткирүүдө кыргыз калкынын уул-кыздары – Бакай, Кошой, Чубак, Сыргак, Алмамбет, Каныкей, Акбалта, Ажыбай, кырк чоро сыяктуу «ак болот мизин жалашкан, намысын бирге талашкан» көйгашка баатырлардын  жана калайык калктын күчүнүн ролу зор.

Кармаганынан кан чыккан, тиктегенинен жан чыккан эр Кошой да өзүнүн бүтүн кыргызга башчы болууга акылуу экенине карабай, жалпы кызыкчылыкты көздөп, Манаска барбаңдап жол ачып, акылмандыгын көрсөтүп:

«Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды» – деп агынан жарылып: «Токсонго жашым барса да, түз кирип найза сунамын, түгөнүшөр жоо чыкса, туу түбүндө былк этпей, о балам, тууңду кармап турармын» – деп, Манасты сүрөп, шыктандырып, ага ар дайым арка-бел болот.

Мына ушундай аскар тоодой аксанатай жөлөк-таяктары болгону үчүн Манас атабыздын ташы дайыма өйдө кулап турган да. Манастын жеңишин жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан элден, элдик баатырлардын эмгегинен, эрдигинен бөлүп кароого болбос. Элди Манас эл кылса, Манасты эр кылган эл. «Манаста» эңсегенге жеткирген – эр менен элдин биримдиги.

XII. ЖАРАНДЫК ЫНТЫМАК

Биз эл аралык достук жөнүндө гана эмес, мекен ичиндеги улут лидерлеринин өз ара достук тажрыйба-таржымалы жөнүндө да кеп кылууга тийишпиз.

Достук качан бекем болот? Достуктун бекемдигине тартууланган кымбат белектер, формалдуу келишим, сырткы убада, эч кандай ант кепил болуп бербес. «Пайдубалында» ыйман, абийир, эки адамдын тең ниетинин тунуктугу жатканда гана, жандүйнөлөрдүн окшоштугу, тутунган нравалык принциптердин бирдейлиги, мүдөөлөрдүн жалпылыгы, бири-биринин алдындагы өз ара милдеттердин  ыйыктыгын терең туюнуу наркы экөөндө тең жашап турганда гана достук бекем боло алат.

1

Бакай Манас баатырдын сыймыктанган үлкөн чоросу, кыйышпас досу, бир чети жакын агасы. Эпосто «абаң Бакай курдашы, арстан Манас көкжалдын, а дүйнөлүк сырдашы» деп сыпатталат. Ушул ыр саптарындагы ойдун чындыгын ырастагандай, Манастын өзү да эпостун сюжетинде: «Маңдайымда барааным, байтерек Бакай карааным, айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым» – деп сырын төгөт. Демек, Манас менен Бакай бири-бири менен өзгөчө терең мамиле менен ширелишкен, бири-бири менен жаны бирге, эпостун өзүндө айтылгандай, «ак буудайдын унундай жуурулушкан, ак бөкөндүн кылындай суурулушкан» достор.

Бирок бул  экөөнүн сырдаштыгы, муңдаштыгы жөнөкөй гана пендечилик деңгээлдеги ынактык эмес, демейки көртирлик ынтымагы эмес, же болбосо, туугандыктан келип чыгып отурган биргелик эмес. Бул экөөнүн ширелишкен достугунун мотиви өзгөчө, бөлөкчө. Экөөнүн достугу башкача «материядан» жаралган. Баатырлардын өз ара жуурулушкандыгынын себептерин алардын интеллектисинин, көкөлөгөн акыл-ой маданиятынын жана патриоттук рухунун бийиктигинен издөө кажет демекчибиз.

Кыскасын айтканда, Манас менен Бакайдын өз ара жуурулушкан биримдигинин тамыры журт боштондугу, ак калпак кыргыздын эркиндиги үчүн, көз карандысыз кыргыз хандыгын, мамлекетин түзүү, «кулаалы жайып куш кылуу, куранды жайып журт кылуу» үчүн «башты канжыгага байлаган» каарман күрөштүн улуу идеясына барып такалат. Ошон үчүн жогоруда эки кеменгердин достугунун мотивин алардын интеллектисинин тереңдигинен жана акыл-эс бийиктигинен издөө зарыл, деп бекеринен айтпаганбыз. Алардын биримдиги Улут кызыкчылыгы деген улуу «материядан» агып чыгат. Бул жагдайды академик Болот Юнусалиев «өскөн жерди, туулган элди сүйүү мотиви каармандардын кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат»,– деп туура белгилеген (Юнусалиев Б. Кириш сөз. – Китепте: Манас, Фрунзе, 1958, 30-б). Экөөнүн достугу, дагы айталы, бийик идеялык чекиттен кездешкен философиялык достук. Ата-журт эркиндиги философиясы эки шер үчүн эч нерсе менен алмаштырылгыс эң жогорку дөөлөт. Ушул жогорку дөөлөткө кызмат кылууну экөө өмүрдүн маңызы катары санашат. («…калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» – Манас. «Чачылганды жыйнап жүр, үзүлгөндү улап жүр» – Бакай). Экөө ички ой-тилек, мүдөө-максат жагынан эгиздер. Эки шердин ичтен ширелишкендигинин, жуурулушкандыгынын себеби ушул жерде.

Экөөнүн дүйнөгө кең карагандыгы, айкөлдүгү ушунда деңиз, булар өмүр бою бири-бирине терс караган жок, майдачылыктан өйдө турушту, кандайдыр бир ич күйдүлүктөн, көрө албастыктан оолак болушту. Даражага манчыркашпады. Бийликтин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыктарынын артынан кубалап, байлык топтоого, көрдүнүйө чогултууга азгырылышкан жок. Элдик ыйык улуу мүдөөлөрдү башкага алмаштырышпады. Өмүр бою бири-бирин алдаган жок, бири-бирин саткан жок, бири-бирине чыккынчылык кылган жок. Өздөрүнүн идеалдарына, мекенчил, патриоттук мүдөөлөрүнө жана достук мамилелерине ак бойдон, таза бойдон кала беришти. Максат кууган жолдогу таза мораль, таза кызматташтык, таза мамиле  экөөнү ого бетер өзөктөш, жүрөктөш, дилдеш кылды. Мындан улам Манас менен Бакай бири-бирин ого бетер урматташып, ыйык тутушуп, ынтымактары улам болоттой бекемделип турду.

Бакай Манас өлгөндөн кийин да, айкөл досунун мекенчил идеалдары үчүн тикесинен тик туруп, Манас курган мамлекетти өмүрүнүн акырына чейин коргоп, анын идеологу бойдон кала берди.

Улуттун стратегиялык максаттарын аркалаган Манас менен Бакайга окшогон инсандар журт туткалары, калктын руханий жол башчылары, улуттун идеологдору. Мындай жетектөөчү лидерлери жок калк тарых жолунда буюгуп, багытсыздыктын  туманында кайда барарын билбей адашкан көчкө окшош болмок.

Манас менен Бакай – булар өзгөчө жаралган, бөтөнчө типтеги адамдар. Булар башкалар үчүн жаралган, башкалар гүлдөсүн деп, өздөрү куураган жандар. Турмушту локомотив болуп алдыга сүйрөгөн, Манас менен Бакайдай эл жер деп күйгөн мекенчилдери, жылаңач баатырлары, кеменгерлери бар журт бактылуу журт. Улуттун улуу мүдөсүнө кызмат кылган Манас менен Бакайдын достугучыныгы достуктун эталону.

2

Кошой ар дайым, качан, кай жерде болбосун: «О кудурет, уккун кебимди, сындыра көрбө белимди, жараткан өзүң колдой көр, кабылан Манас шеримди», – деп Кудайга жалынып турат. Эмне үчүн? Манас Кошойдун өзүнүн кара чечекей баласы беле? Жок, окурманым, мунун тереңинде өзүнчө сыр жатат. Кошойдун Манас дегенде ичкен ашын жерге койгондугунун, Манас дегенде керек болсо, өлүп бере тургандыгынын, Манаска болгон абакелик, аталык сүйүүсүнүн мотивациясына дагы бир жолу үңүлүп көрөлүчү.

Манастын кор болгон эл үчүн КУТКАРУУЧУ экендигин, кыргызга дал ушундай көк жал башчынын  керектигин жана  да Манас аркылуу кыргыздын айы менен күнүнүн тууп тургандыгын Кошой өзүнүн көрөгөч баамы, акылмандык-олуялык туюму менен сезип да, көрүп да турат. Мына ошон үчүн Кошой карыя ар качан «ак сакалы жаркылдап, келгин каздай баркылдап» Манас тууралуу: «Бузулуп кеткен аз журтка, берен да ошол, мээ ошол, мээнеттеги кыргызды, бек кайтарчу ээ ошол», – деп айлана – тегерегине жарыялап турат. Белгилеп өтө турган нерсе, Кошой Манастын  кеменгерлигине басым жасап,  мобу сөзүндө айкөл баатырды, кыргыздын ойлоно турган мээси деп адаттан тыш баалап, көкөлөтүп отурат. Мынакей, Кошойдун Манас дегенде элеп-желеп болуп, түн уйкусун үч бөлгөн бөтөнчө мамилесинин түпкү мотивациясы кайда жатат? Манастын куткаруучу миссиясы, чынында Кошойдун да миссиясы, улутту сактоо Кошойдун да өмүр бою көксөгөн мүдөөсү, эңсеген тилеги. Ушул максат деп ал Жети өзөндө жетимиш жеринен жарадар болуп, желмогуздар менен кармашып жашап келбедиби. Акбалтанын алиги: «Абаң Кошой эр ошол, арбагы бийик жан ошол, жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, азган-тозгон кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып,» – деген сөздөрүн эстейличи. Демек, образдуу айтканда, Манас Кошойдун эгизи, болгондо да идеялаш, рухташ,максатташ эгизи. Экөө Ата-журт философиясы менен тамырларынан биригишкен. Ошон үчүн өйдөдөгү «Манас үчүн курман кылам жанымды» деген сөздү Кошойдун тилинин учунан эмес, жүлүнүнөн чыгып жаткан сөз катары түшүнөбүз.

Дагы бир жолу белгилейли, экөөнүн өз ара мамилелеринин тамыры «ак калпак калктын аёолуу кызыкчылыктары»  деген жогорку чекиттен кездешип, ошол уюлдан жалгашып, өрүлүшүп, анан бери карай түшүп келет. Кошой менен Манастын өз ара бекем ата-баладай достугунун башаты ошоякта.

3

Манастын, Бакайдын  Кошойдун достугу  рационалдык гана эмес,  эмоционалдык  да достук  Акыл менен сезимдин жуурулушкан  достугу. Манастын тагдыры кылдын кырында кылтылдап, ажал  оозунда турган кыйын кырдаалдарда Бакай менен Кошой «айкырыгы таш жарып, бакырыгы баш жарып, мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулкуп ыргытып», жандарын таштап жардамга ашыгышат. Бакай «асылым», «төрөм», «жан биргем Манас» деп чын жүрөгүнөн төгүлүп сүйлөп, жетине албай турат. Манасты кокус ажал-өлүм тооруп, досумдан айрылып каламбы деп ойлогондо, Бакай көзүнөн жашын чубуртуп, ыйлап жиберет. Кошой да ошондой. Мисалы, Айкөл Манас Чоң Казаттан кийин майданда алган жаратынан каза болгондо, Кошой моминтип көзүнөн жашын он талаа кылып, коңгурап ыйлап турат:

Өзгөнгө бойлоп кондумбу,

Манасым өрт өчкөндөй болдумбу?!

Кантейин, Манас кабылан,

Сенден мурун өлбөдүм, «Карт Кошойдун ашы!»- деп, Манасым, карыяңды көмбөдүң!

Достору, чоролору өзүнө абийир, ыйман менен кызмат кылгандыгы үчүн Манас да агынан жарылып, алкышын айтып, аларга агыл-төгүл мамиле жасайт. Мисалы, Бакайды  «Караңгы түндө көз тапкан, капилеттен сөз тапкан олуям», Чубакты «Эгизим Чубак көсөлүм, эсимден кетпес эсерим», Сыргакты «Асылым менин Сыргагым, алышкан жоодо шумкарым» деп эркелетет. Ал эми Кошой бабасын көргөндө ар дайым «Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям, өйдө турсам өбөгүм, ылдый тартсам жөлөгүм, астыга салсам ак жолум, аркамда жүрсө сан колум» – деп жетине албай турат.

Сөз аягында дагы суроо коёлу, достук качан бекем болот? Манас, Бакай, Кошой  сыяктуу улуу максат менен биригип, бири-бирине  дилин, жүрөгүн бергенде гана достук  болоттой бекем жана түбөлүктүү болот.

Калк лидерлери Манастын, Бакайдын, Кошойдун дал ушундай мазмундагы достугу, бири-бирине өйдөгө өбөк, ылдыйда жөлөк, учарга канат, конорго куйрук болгон ширелишүүсү акыры Ата-журтка жеңиш жана бакыт алып келди . Эл эңсегенине жетип, кыргыздын эгемендүү мамлекети түзүлдү.

«Манастын» сабагы ушул: эл-журттун, мамлекеттин башында акча, алтын, бийлик, байлык, кумары менен бириккен, сырт жагын кооз фразалар менен сулуулай билген, ичтеринен жеке кызыкчылыктарды туу кылган кандайдыр бир индивидуалисттик мафиялык топ эмес, Манастай, Бакайдай, Кошойдой калктын кулу болуп кызмат кылган, улуттун улуу мүдөөлөрү менен ширелишкен дили таза мекенчил  чыгаандар турганда гана  өлкөнүн «ташы өйдө карай куламак».

Манас, Бакай, Кошой – үчөөнүн достугу калк лидерлеринин достугунун эталону.

XIII. ЧОРОЛОРДУ ТАНДОО ДААНЫШМАНДЫГЫ

1

Манас өзү дегеле, бу турмуштан кимди, кандай адамды издеп жүргөндүгү жөнүндө Бакайдын алдында төмөндөгүдөй деп сырын ачат:

Баатырдыгы башкача Шерди издеп жүрөмүн! Өзүм менен бир өлчү

Теңди издеп жүрөмүн.

Мына ушундайча чын жүрөктөн  төгүлгөн монологдон, агынан жарылган ачык сырдан биринчи иретте, өзүнө чоро, жолдош, дос боло турган кишиге карата Манастын койгон талабынын, чен-өлчөмүнүн, критерийинин бийиктигин,  жогорулугун көрүүгө болот. Айкөлгө чоро, жолдош, дос болчу адамга коюлуучу, башкы чен-өлчөм – терең байкасак, шериктештин Манас менен идеялаштыгы, мүдөөлөштүгү, тилектештиги, жүрөктөштүгү, дилдештиги, өзөктөштүгү жана көйкашка баатырдыгы экен. Манастын ак калпак кыргызды азаттыкка чыгаруу боюнча алдына койгон мекенчил мүдөөсү ыйык жана бийик мүдөө. Бийик мүдөөнү жүзөгө ашыруу зарылчылыгы бийик адамдык сапаттарга муктаж. Ушул муктаждыктан чыгып, Манас руханияты бийик рыцарды, жолборсту, жүрөгүндө жалы бар шерди, «тар жол, тайгак кечүүдө» тагдырлаш Ак кан досту издейт.  Айкөлгө идеялаш, мүдөөлөш, тилектеш, өзөктөш болуу деген нерсенин – бул чабылып-чачылып, азап-тозок тарткан кыргыз элин кулчулуктан куткаруу үчүн Манасча карууну казык, башты токмок кылуу,  Ата журт үчүн Манасча жанды курман кылууга даяр  турган берен болуу, «калмак, кытай, манжууга качырып найза сунууга» жарамдуу көкжал болуу, Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак калктын мамлекеттүүлүгү үчүн антка-шертке бекем туруу деген кеп экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Эгерде мындай чоң жүктү аркалоого жарамсыз болсо, киши тууган да болсо Манастын муңдашы, сырдашы боло албайт.

2

Манас дал жогорудагыдай чен-өлчөмдөрү менен таразалап,  өз айланасына кырк чорону топтоп келген экен. «Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка» делет эпосто. Демек, чоролорду шериктеш кылууга алардын ар биринин кашкөйлүк сапаттары негиз болгон. Бирок Манастын дале болсо ичинде арманы бар. Ал «Издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди, берен таппай, эл таппай, жаныма жолдош кылууга, өзүмө катар шер таппай» – деп күйүт чегет. Манастын күйүтү жердин түбү – Желпиништен өзүн издеп келген Бакай менен жолугуп, сырдашкандан кийин, аны менен «кою короолош, ашы жоролош» болгон соң басылат.

Бакай «Манаста» «Туйгун Бакай олуя», «Акылы терең кеменгер», «Айла тапкыч акылман», «Капилет жерден сөз тапкан, караңгы түндө көз тапкан»,  «Бакай баатыр көк жалдын, акылы кенен дарыя», деп бааланат. Манас өзү эңсегендей, Бакайга окшогон телегейи тегизди, өзүнө теңтуш эгизди, өзү катарлуу эрди, идеялашты, мүдөөлөштү таап, жан жолдош кылып калайык – калктын кызматына чегет.

Манас кырк чоросуна терең ишенет жана аларга таянат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана «Манас» энциклопедиясында кырк чоронун ысымдары төмөнкүчө аталат: Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Кутунай, Каратоко, Мажик, Камбар уулу Чалик, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Каракожо, Бообек, Шаабек, Шүкүр, Алтай (албандардан), Төртай, Төлгөчү, кара Төлөк, Токөтай, Калкаман, Элеман, Серек, Сыргак, Кошабыш, Эр Ыбыш, Алакен, Арстан, Мажик, Чубак, Жоорунчу, Кайгыл,

Бөгөл, Тоорулчу, Кербен, Дөрбөн, Бөгөл, Каратүлөө, Кабыке, Жабыке, Бооке (Алоокенин уулу), Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту. Эпосто чоролор төмөндөгүчө мүнөздөлөт:

Аалам жеңбес көйкашка,

Сундуруп найза тартпаган,

Сүрдөп жоодон качпаган,

Кемерин кесе курчаган, Кезенишкен жоо болсо Ар бири миңге кол салган!

Чапса кылыч кеспеген,

Найза сайса тешпеген,

Мылтык атса ок өтпөс,

Отко түшсө чок өтпөс… ж. б.

Манастын кырк чорого кандайча аталык камкордук көргөндүгүн, кандайча жакшылык жасагандыгын кырктын башы Кыргыл чал мындайча моюнга алат:

– Атсыз келдик бир чоро;

Атсыз келген чорого Аркар аяк, жез билек Атты Манас мингизди. Тонсуз келген чорого Тон мыктысын кийгизди.

Катынсыз келген чорого

Оймок ооз, бото көз,

Кылактаган сулууну Алып берди зор Манас.

Үйсүз келдик бир чоро;

Үйсүз келген чорого

Керегенин кашаты

Темир менен тээктүү,

Жабык башы саймалуу,

Алты эли кундуз жээктүү,

Боо-чуусунун баарысын

Чылк жибектен чалдырган, Борумдап  ордо салдырган Ордо берди шер Манас.

Малсыз келдик бир чоро;

Малсыз келген чорого

Адырда жылкы ала баш,

Аргымак, буудан аралаш, Бөлүп берди шер Манас. Үзүлгөндү улады, Чачылганды жыйнады.

Өчкөн отту тамызды, Өлгөндөрдү тиргизди.

Берен Манас-көкжалдын Этегин кармап эр болдук,

Эр уулу менен тең болдук .

Кыргыл чалдын бул чын жүрөктөн чыккан сөздөрүнөн Манастын чынында эле жолдоштору үчүн эч нерсе аябаган, чоролорум дегенде ичкен ашын жерге койгон, камкорчул, күйүмдүү, берешен экендиги айкындалып турат. Эпосто ал бекеринен «Телегейи тең эле, ичин карап отурса, жер жүзүнөн кең эле, сайып буруш эр эле, кеңдиги чалкар көл эле» деп мүнөздөлгөн эмес. Манас өзүнө, эл ишине ак жүрөктөрү менен кызмат кылган үчүн чоролоруна ыраазы болуп турат. «Кырк чоро менин абийирим» дейт Манас.

3

Жаш Манас Алтайда жашап жүргөндө Акбалтадай чечендин, тарбиячы устаттын патриоттук аңгемелеринин духуна сугарылып, Кошой баатырдын образын кыялында алдейлеп келген. Кошойго  учурашуу үчүн атайын Алтайдан Ала-Тоого келген Манас кыялында идеал кылып жүргөн каарманынын кадимки турмуштагы жүзүн, турмушун, жүрүм-турумун өз көзү менен көрүп, сөздөрүн өз кулагы менен укту. Ырасында эле, Кошой, Акбалта аксакалдын аңгемесиндегидей, «кармаганда кан чыккан, тиктегенде жан чыккан, чокморунан чок чыккан, чок жарылып от чыккан, ай кулагы калкандай, бендеден артык шер» экенине,  журттун санаасын тартып саргайган, Ала-Тоо асыл жер үчүн, ак калпак кыргыз эли үчүн кызыл чокко түшүп, өрт кече турган, өрттү кечип да келген,  кечип да жаткан, эл-жер деп жетимиш жеринен жараланып жапа тарткан чыныгы калк чыгааны экенин Манас билди.  Баскынчыга багынбас, күнкорлукка чыдабас, куралын маштап, тулпарым таптап, көтөрүлүшкө даяр турган, адеп-ахлагы бийик, акылы алысты чапчыган даанышман, тажрыйбага  карк  улуттун көчүн баштаар жол башчы, таяна турган тоо экенине  чындап ынанды. «Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям, өйдө турсам өбөгүм, ылдый тартсам жөлөгүм, астыга салсам ак жолум, аркамда жүрсө сан колум» деп, Манас Ат-Башыдагы баатыр абакесине бийик баасын берип, аны менен кол кармашкан союз түзөт.

4

Манас калк кызыкчылыгын көздөп чогулткан, Бакай, Кошой сыяктуу көсөмдөр, Алмамбет, Чубак, Сыргак өңдүү көкжалдар башында турган өзүнүн күчтүү командасы менен кыргыз элинин чачылганын жыйнаган, үзүлгөнүн улаган жана калмак-кытайдын азуусун айга жанган империясын жеңген. Ушул кеменгерлерден жана чыгаандардан турган командасы менен Манас Түрк элдеринин аскердик конфедерациясынын башында жогорку Каган болуп турганда Орто Азиянын жана Чыгыш Түркстандын хандыктарына тыш жактан эч бир жоо катыла алган эмес жана Түрк элдери, анын ичинде кыргыз калкы эңсеген мүдөөсүнө жетип, тынчтыкта, бакыбатчылыкта күн кечирген.

Эпосто Манастын образы аркылуу калк башчысы, мамлекет жетекчиси, ажо, кан жөнүндөгү элдин идеалы берилген. Манас – бул ажонун символу. Манас кандайдыр бир айла-амал менен, дос-тамырлардан турган колдоочу кожолордун жана сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен, жулунуп мансапка умтулгандыгы аркасында бийликке келбейт. Манас бүткүл калк алдында өзүнүн эмгеги менен көрүнүп, баатырлыгын жана кеменгерлигин далилдеп, анан кандыкка көтөрүлөт. Манасты калк чуркурап өзү кан көтөрөт. Демек, улуу эпосубуз бизге башчынын, падышанын такка келиш жолу акыйкаттын, чындыктын жана мээнеттин жолу болуш керек деген идеяны айтып турат. Жетекчи кандай болуш керек? Кийинкилерден Курманжан Датканын мисалын кыстарып өткүбүз келет. «Алай ханышасы» менен бир нерсе жолу жолугуп сүйлөшкөн жумгалдык даанышман Байзак Тооке уулу Датканы мындайча мүнөздөгөн: «… Мен Шабдан менен датка айымдын  элдин камы үчүн болгон пикир алмашууларына да көп жолу катыштым. Мен ушул жашка келгенге чейин  кыргыз, казак, түндүк, түштүктүн зайып затынын эң мыктысы ушунун зайыбы деген эл мыктыларынын үйлөрүндө көп болдум. Бирок акылы, мүнөзү, так сөзү, ойлуу, суздугу датка айымга окшогон бир дагы зайып затын жолуктурганым жок. Датка айым менен пикир алышканда, тактысында ойлуу, суз, бир калыпта айткан сөзгө гана так жооп берип, өзү сөзүн улантканда өтө кыска, жай, назик сүйлөп, оюнун өтө тактыгы, жүйөлүүлүгү менен таасирдүү эле. Жердин чеги жөнүндө Шабдан кеп кылып калды эле: «Баатыр, эки оёздун жеринин чеги туура, башкача чек болууга тийиш эмес. Бирок өкүлдөрдүн  пикирине эл эгеси (даткасы) ыкырарбы, ушуга күйбөй эле шартнама кагазыңарды бүтүрө салдыңар. Бул жолу бул шашмалыгыңарга макул болдум. Силердей эл эгесине шашмалык  жолдош болсо, жаман иш. Мындан ары шашмалыкты боюңарга жакын кармабагыла» десе болобу» («Байзак баатыр» китебинен).

Байзактын бул айтканы Курманжан датканын мүнөзү, жүрүш-туруш сыпаты жөнүндөгү эч жерде жок, абдан баалуу тарыхый маалымат болуп эсептелет. «Алай ханышасынын» башчылык наркы жана мүнөзү бүгүнкү атка минерлерге үлгү.

«Балдар, башчысы болбой маарыбайт, Баш-аламан жарыбайт», – делет «Манаста». Калайык-калк качан маарыйт? Манастай башчы болгондо гана эмес, ошол ажонун айланасында элдин, мекендин жогорку кызыкчылыктары үчүн жуурулуша баш кошкон, бири-бирине кылдай арамдыгы жок, ниети аппак, пейили булактай таза Бакай, Кошой, Ажыбай, Каныкей, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жол көрсөтөөр чыгаандар жана кеменгерлер турганда гана журттун иши оңолуп, ташы өйдө кулайт деген өтө баалуу, терең маанилүү ой берилип жатат. Ырасында эле, Манас ажонун сиңирген эмгеги жана көрсөтүп турган таалими ушунда: ал өз тегерегине, азыркыча айтканда, жогорКудай күчтүү команданы топтой алгандыгы үчүн кыргыз калкы кырылып, жоюлуп кетүү коркунучунан аман калып, кайрадан эл болуп биригип, өз алдынча мамлекет болуп, эңсеген мүдөөсүнө жетет. Акылмандыгы жана арстандыгы аркасында ар кай жакка чачылып кеткен кыргыздарды баш коштуруп, бириктирип, Ала-Тоо конушту кайра алып, «кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» эмгеги, эрдиги үчүн биз Манас атага түбөлүк таазим кылып, ар дайым өрнөк кылып, аны менен сыймыктанып, төбөбүзгө туу кылып көтөрүүгө тийишпиз. Манас ажонун азыркы тил менен айтканда, кадр тандоодогу көрсөтүп турган мындай өрнөгү кыргыз үчүн өтө керектүү сабак.  «Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болот», «Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат» деген макалдардагы нусканы көңүлдүн борборунда тутуу оң. «Кара өзгөй болсо калкына, калктын жетпей баркына, акимдин жайы – кара жер» деген акылман Арстанбек. Журт башчыларынын, акимдердин арасында «Абыке-Көбөш алты арамдар», чолок акыл, кыска ойлуу мансапкорлор, өз көмөчүнө күл тарткан кара жемсөө атка минерлер, кой терисин жамынган карышкырлар, колдоонун күчү менен кожо болгондор көбөйгөндө, мамлекеттин дубалдары кулап жыгылганына тарых күбө өтүп келет. Эгемендүүлүктүн жылдарында бийлик бутактарында, башкаруу органдарында бүркүттөр, шумкарлар эмес, көп учурда жорулар, кузгундар, каргалар отуруп келди. Бекеринен Кыргызстанда үч жолу революция жасалган жок. Ага карабай, тилекке каршы азыр да эрдик жасайт деп эл ишенген кээ бир кожолор жемкорлук менен кылтакка илинип, колдоруна кишен салынууда.

Бүгүн кыргыз мамлекетине кадр философиясы керек. Кыргыз коому өзүн локомотив сыяктуу сүйрөй турган Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Чубак, Сыргак, Алмамбет, Курманжан Датка сыяктуу күчтүү инсандарга – кадрларга кардар. Мерчемдүү түйүндүү кызматтарда, башкаруу рулдарында ишкердик сапаттары, уюштуруучулук таланты, жемиштүү жаратмандык тажрыйбасы менен эл көзүнө көрүнгөн, кругозору кенен, профессионал, коомдун өнүгүүсүнүн муктаждыктарын кылдат туюп турган, татаал экономикалык, социалдык-маданий проблемаларды талдап түшүнө билген, улуттун, калктын стратегиялык кызыкчылыктарынан жана мүдөөлөрүнөн чыгып маселе чечкен, элдин энергиясын, түзүүчүлүк потенциалын керектүү нукка багыттай алган, инновациялык чыгармачылык ишмердикке жөндөмдүү, адептик-ыймандык жүзү таза, талапчыл, принципиалдуу, Манас атабызча «үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы» деген патриот инсандар турганда мекенибиздин арышы кеңип, ташы өйдө куламак. Бүгүнкү биздин бийлик башчыларыбыз улуу мурасыбызда катылып жаткан жанагындай чоролорду тандоо философиясын көкүрөктөрүнө түйүп, Манас атанын башкаруучу топ түзүүдөгү өрнөгүн ээрчип, иш жүргүзүүлөрү зарыл.

Бүгүнкү күнгө которуп айтсак, азыркы акимдер, мэрлер, губернаторлор, өлкөнүн Президентинин чоролору, Бүгүнкү Президент Манас Атанын салтында адилеттүү башкаруу жүргүзсө, акимдер, мэрлер, губернаторлор, министрлер да президентке, Мекенге Манастын чоролорундай кызмат кылууга тийиш.

XIV. КАНДАЙ АДАМ ЭЛ СЫЙЫНА ЭЭ БОЛОТ?

Арстанбек акындын адеп-ахлак сезими сергек, тунук, этикалык акыл-ою бийик болгон. Жакшы деген эмне, жаман деген эмне болорун так ажыратып ырдап, насаатнуска сөздөрүн калайык-калкка кечиктирбей жарыя кылып, таратып турган. Осмонкул Бөлөбалаев Арстанбектин мындай өзгөчөлүгүн өзүнүн ыры менен: «Ак каранын баарысын, таанып айтып ырдаган, айтканынын баарысы, уккан элге акыл деп, ушунуку макул деп, оозун ачкан далай жан», – деп акыйкат белгилеген.

Арстанбектин чыгармаларынын акыл-ой мазмунун терең карай келгенде, мындай бир орчундуу логикалык ой корутундусу келип чыкпай койбойт. Эл-журт менен, калайык-калктын кайгы-кубанычы менен иши жок, өзүнүн гана жеке кызыкчылыктарынын алкагынан чыкпаган, өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде аны-муну ишим бар деген, өз көмөчүнө күл тарткандан башканы билбеген өзүмчүл адамдын өмүр-жашоосунда башкаларга оң жагынан таалим, сабак боло турган адепахлактык, моралдык маани-маңыз болбойт. Арстанбектин этикалык философиясы боюнча жеке кишинин акыл-эси, руханий дүйнөсү, жүрүм-турумунун тамыры, өзүнөн жогору турган бир бийик элдик мүдөө-идеалдар, жалпы таламдар менен бекем ашташып байланышып турганда гана, анын адеп-ахлагынын баа-баркы болмок. «Тирүүлүк өзү зор дөөлөт», – дейт акын, ага татыктуу болуп жашаш керек. Мына ушундай ойдон улам Арстанбек «Ата-журтун ардакташ, азаматтын белгиси» – деп баса айтып отурат, «Терме» деген чыгармасында. Ал эми жаш акын Жеңижокко карата ырдаган ырында «Элдин зарын зардап өт, эзелки ырын ырдап өт», – деп бийик идеалга багыттап, кеңешин берет. Акын пенде баласынын жашоосунун маңызын элге, ата-журтка кызмат кылуудан көргөн. Эл, Ата-мекен, Ала-Тоо Арстанбектин этикалык түшүнүгүндө адамдын жүрүм-турумунун адептик жогорку чен-өлчөмү. Мындайча айтканда, эл мүдөөсү, эл кызыкчылыгы – адамдын адеп-ахлагын баалоонун критерийи. Сен жалпыга, элге кызмат кылганың менен кишисиң. Мындай ой, айрыкча «Терме» ырында даана чагылдырылганын көрөбүз:

Кайратың тоону бузса да, Кашыгың көлдү сузса да,

Оозуңдан чыккан сөзүңө, Зоо куланып учса да, Эл менен сен адамсың.

Кабарың күнгө кетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү,

Бүт колуңа өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң, Элден чыксаң кийиксиң.

Дагы бир жолу айталы, көрүнүп тургандай, эгер адамдын ашып-ташкан байлыгы, азуусун айга жанган бийлиги, атак-даңкы – бардыгы өзү үчүн гана болсо, өзүнүн гана керт башынын кызыкчылыгын, жыргалын тейлесе, элжурттун бакыбатына тиешеси жок болсо, калайык-калкка жарыгы тийбесе, анда андай адам, Арстанбектин түшүнүгүндө, элден бөлүнүп ээн тоодо коколой башы жашаган жапайы кийикке тете.

Арстанбектин калк башында турган башчылардын, атка минерлердин, байлыгы, бийлиги бар үлкөндөрдүн адеп-ахлагына койгон талаптары да бийик. Акындын адеп-ахлак позициясы боюнча, башкаруучулар элдин үмүт тилектери, мүдөө-кызыкчылыктары менен болгон тыгыз байланышына, алардын элге жакшылык иш кылгандыктарына, катардагы букара калкка жана коңшу элге жасаган мээримдүү, адилеттүү мамилесине, журттун турмуш-тиричилигин оңоого карата болгон ак ниет эмгегине жараша бааланууга тийиш. Эгерде эл башкаруучулардын жүрүм-туруму мындай асыл сапаттарга карама-каршы чыкса, тескери болсо, анда андай жетекчилердин баабаркы, аброю болмок эмес жана мындай башчылар, атка минерлер элдик эң оор жазага татыктуу. Мына ошондуктан өз заманында андай төбөлдөрдүн «адеп-ахлагына» карата Арстанбек өзүнүн төмөндөгүдөй элдешпес айыптоо бүтүмүн чыгарган:

Зорлугу өтсө жакырга,

Зомбулук кылса бакырга, Зордун түбү – кара жер.

Катарлаш элге кан чачса, Канкорлорго жан тартса, Кандын жайы – кара жер.

Кара өзгөй болсо калкына,

Калктын жетпей баркына,

Жакырдык жанды кыйнаса, Акимдин жайы – кара жер.

Арстанбектин нравалык өкүмү ушундай, калайыкка мээрими, жакшылыгы жок, зордукчул, кара өзгөй, «калк камын ойлобой, казына чачкан» өзүмчүл жетекчилердин эл башында турганынан көрө, чым жазданып кара жер алдында калганы жакшы. Мындай башчылар – калайыктын шору, элдин чекесине чыккан чыйкан.

Арстанбек акын өз заманында далай, далай башчылардын адилетсиз жорук – жосундарын көрүп, күйүп-бышып: «ушул заман тар заман, азуулууга бар заман, бечарага зар заман», – деп ырдаган. Калкына кайрымы жок, өзүмчүл атка минерлердин, чиновниктердин бүгүнкү күндөгү эгемендүү Кыргызстандын турмушунда да көбөйүп, Арстанбек айткандай, андайлардан «барк кеткендиги, каада-нуска нарк кеткендиги» өкүнүчтүү. Бирок ошондой өзүмчүл, калк байлыгын соргон жегич жетекчилер биздин коомдо жазалануунун, түрмөгө камалуунун ордуна (Арстанбекче айтканда «кара жерге көмүлүүнүн» ордуна), көп учурда кайра кызматтан кызматка көтөрүлүп чардап жүрүшкөндүгү таңгалычтуу. Биздин турмушубуздун оңолбой жаткандыгынын бир себеби  мына ушунда болсо керек. Коррупцияга, паракорлукка малынган бүгүнкү көп жетекчилердин жашоосу, Арстанбектин логикасы менен айтканда, адеп-ахлак мазмун жагынан көңдөй. Алар – «элден чыккан кийик». Ырасында эле, мындай «кийиктер» көбөйсө, калайык-журттун турмушунун оңолбостугун Арстанбек дагы дааналап мындай айткан: «Өзү үчүн жан берген, өзүмчүлдүн белгиси, мындай адам көбөйсө, жумурай журт маарыбайт, урук-тууган жарыбайт».

Эл ичинен адилет, калыс, акылгөй башчыларды көрсө, Арстанбек чын ниетинен кубанган жана өзүнүн этикалык чен-өлчөмдөрүнө туура келгендиги үчүн андайларды урматтап, ырга салып даңаза кылган. Ошондой калыс, оор басырыктуу, элге караштуу даанышман башчылардын бири 19-кылымда көлдөгү Хан Боромбай болгон экен. Хан Боромбайды «Калыс сөздү айтайын, көлдө сүзчү кеме элең, калк коргогон эр элең. Саябандуу бак элең, салтанаттуу жан элең» деп даңазалаган акын. Арстанбектин ою боюнча мыкты башчы эли үчүн саябандуу бакка окшош. Ал өзү мыкты башчы жөнүндөгү оюн дагы  минтип ырастаган:

«Баркташып эл менен  жүргөндүн,

Байсалдуу өмүр сүргөндүн,

Таажысы түшпөйт башынан, Тактысы кетпейт астынан».

Демек, адал, ак кызматка, букараларга калыс, гумандуу камкор мамилеге негизделген эл менен болгон биримдик – калк башчысынын адеп-ахлагын баалоонун моралдык чен-өлчөмү. Арстанбектин этикалык көз караштарынан ушундай корутунду чыгып турат.

Арстанбек чындыкка, акыйкатка, калыстыкка, адамкерчиликке, боорукерликке, күйүмдүүлүккө, өзүн жөнөкөй тутууга, жоомарттыкка, терс жосундарга кылыч болуп чабылган, арамдыкты оттой куйкалаган түздүккө, «эл камын ойлогон азаматтыкка» негизделген жамаатчыл, атуулдук-граждандык күжүрмөн, айкөл жүрүм-турумду баарынан жогору койгон. Мына ушундай бийик этикалык эреже-жобону Арстанбек өзүнүн акын Жеңижокко карата кайрылып ырдаган төмөнкү сөзүндө дааналап ачыкка чыгарган:

Зөөкүрдү чабар камчы бол, Кургак жерге тамчы бол. Дүлөйлөргө кулак бол, Чөлдүү жерге булак бол. Аргымак минген баатыр бол, Алсыздарга жакын бол.

Жетимдерге көмөк бол,

Канкорлорго касап бол,

Калп айтканга мазак бол.

Урууларга айгак бол,

Ушакчыга сайгак бол.

Эрегиш чыкса элчи бол,

Эл-журтуңдун кенчи бол.

Кара өзгөй болбой калыс бол,

Кошоматтан алыс бол.

Жери жокко конуш бол,

Эти жокко союш бол.

Бул, албетте акын гана ушундай болуш керек деген сөз эмес. Мындай жүрүм-турум этикасы жамаат, коом мүчөлөрүнүн, ар бир жарандын адеп-ахлагына тиешелүү касиет болуш керек. Бул ырда адамдык-атуулдук жүрүмтурумдун бүтүндөй бир кодекси, программасы берилген. Арстанбектин көз карашында ушундай күжүрмөн активдүү, гуманисттик адеп-ахлак этикасы гана жаранга элдин сүйүүсүн жана урматтоосун алып келе алат, адамдын аброюн көтөрүп, көздөгөн нравалык бийиктикке жетелеп чыгара алат. Мындай адеп-ахлак программасы азыркы биздин коомдун ар бир атуулу үчүн да зарыл болуп отурбайбы. Арстанбектин этикасынын өлбөстүгү дал ушунда туруп жатпайбы.

XV. АЙКӨЛДҮК, ЖООМАРТТЫК

1

Айдоого тукум сээп жатканда кыргыздын Баба дыйкан карыясы  мындай деп тилек кылып үрөн чачат: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу – жетим-жесирге, мунусу – алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага». Бул гумандуу ажайып сөздөр жана адамдык  жүрүм-турум кыргыздын адеп-ахлагы үчүн кандайдыр бир символикалуу дегибиз келет. Мына, жалпынын мүдөөсүн, бакыбатын, а түгүл курт-кумурсканын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу гуманисттик, адамгерчиликтүү, боорукер, жамаатчыл, күйүмдүү этикасы. «Манастагы» айтылуу Бос талаада аксакал дыйкан адам менен өнөктөшүп, дыйканчылык кылып, кырманга кызылды үйгөн баатыр Манас да, мындай деп ичинен сүйлөп турат: «Ушул тоодой буудайды, бакыр менен мискинге, баарын төгүп беремин!» Баба дыйкандай башкаларга жарыгын чачып, жакшылык кылуу адеп-ахлагы Манас атанын  да рух сапаты. Дал ушундай айкөл  гуманисттик моралдык маданият тээ илгертен бери карай келе жаткан кыргыздын жан дүйнө касиети. Ислам дини чыга элек эзелки замандардан бери карай жашап келе жаткан  кыргыздын мындай  адептик-ыймандык  нарк-насили керек болсо, дүйнөлүк ыйык китептердин негизинде жата турган улуу дөөлөт десек жаңылышпайбыз.

Мына ошентип, башкаларга агынан жарылып ачылып, жакшылык кылуу айкөлдүгү, берешендик кыргыздын рух маданиятында эң жогорку асыл-нарк катары санала келген жана андай моралдык касиетке эгедер адам эл ичинде жана ыр-дастандарда аңыз болуп айтылып, даңазаланган. Ошол эле «Манас» эпосунда Манас баатыр менен Кошой дөөнүн эр сайыштарда жана балбан күрөштөрдө алган байгелерин өздөрү албай, айланадагы жарды-жалчыларга, жетим-жесирлерге, кардар кишилерге таратып бергендери дастанда манасчылар тарабынан бийик добуш менен ырга салынган.

Манастын кырк чорого кандайча аталык камкордук көргөндүгүн, кандайча айкөлдүк кылгандыгын кырктын башы Кыргыл чал мындайча моюнга алат:

Атсыз келдик бир чоро;

Атсыз келген чорого

Аркар аяк, жез билек Атты Манас мингизди. Тонсуз келген чорого Тон мыктысын кийгизди.

Катынсыз келген чорого

Оймок ооз, бото көз,

Кылактаган сулууну Алып берди зор Манас.

Үйсүз келдик бир чоро;

Үйсүз келген чорого

Керегенин кашаты

Темир менен тээктүү,

Жабык башы саймалуу,

Алты эли кундуз жээктүү,

Боо-чуусунун баарысын

Чылк жибектен чалдырган, Борумдап  ордо салдырган Ордо берди шер Манас.

Малсыз келдик бир чоро;

Малсыз келген чорого

Адырда жылкы ала баш,

Аргымак, буудан аралаш, Бөлүп берди шер Манас. Үзүлгөндү улады, Чачылганды жыйнады. Өчкөн отту тамызды, Өлгөндөрдү тиргизди.

Берен Манас-көкжалдын Этегин кармап эр болдук,

Эр уулу менен тең болдук.

Кыргыл чалдын бул чын жүрөктөн чыккан сөздөрүнөн Манастын чынында эле жолдоштору үчүн эч нерсе аябаган, чоролорум дегенде ичкен ашын жерге койгон, камкорчул, күйүмдүү, берешен экендиги айкындалып турат. Эпосто ал бекеринен «Телегейи тең эле, ичин карап отурса,  жер жүзүнөн кең эле, сайып буруш эр эле, кеңдиги чалкар көл эле» деп мүнөздөлгөн эмес.

Биринчи көргөн, өзү тааныбаган кытайлык Алмамбетке Манас айланасындагылардын оозун ачырып, өзүнүн Аккуласы менен Аккелтесин, Аккүбө тонун жана Ачалбарс кылычын тартуулап, ченде жок айкөлдүгүн көрсөтөт. «Жоругун адам билбеген, жоомарт эрдин бири ушул» деп Ажыбай чечен бекер айткан эмес экен.

Манас түрк элдеринин бирдиктүү күчү менен кытайлык баскынчы Алооке ханды жеңип, Орто Азия аймагын бошоткондон кийин жалпы түрк хандыктарынын башчылары Анжияндагы Кум-Арык деген жерге (С.Каралаевдин варианты боюнча) чогулушат: Ошол жерде Манас, Алоокенин түрк элдеринен тоноп алган сан жеткис дүнүйө-мүлкүн, алтын-күмүш дилдесин түрк-мусулман хандыктарына бөлүштүрүп берет. Элден тонолуп алынган дүнүйөнү кайра элге кайтарып бериш керек. Ушул жерден Манастын айкөлдүгү, акыйкатчылдыгы, адилеттүүлүгү, өзүм жулайын, алайын, өзүм туйтунайын деген ач көз дүнүйөкорлуктан алыс турган руханий бийиктигине баа бербей койбойбуз.

Кыскасын айтканда, эпосто сүрөттөлгөндөй,  Манас «көзү тоонун буткулдай, көрүнгөндү жуткудай, ажыдаар болсо туткудай, мурду тоонун сеңирдей, айбаты албарс темирдей» балбан, баатыр, дөө-шаа гана эмес, ички жан дүйнөсү да аруу, сулуу, сергек, түшүнүк-көз караштары алысты чапчыган, океандай чалкыган ажайып инсанкаарман. Ошон үчүн ал эпосто: Манас ата төмөнкүнү насыяттайт:

Кебиме кулак каккыла, Калкыңы жакшы баккыла. Жесирге саан уй берип,

Сагырды издеп тапкыла,

Сүйүнтүп чөккөн көңүлүн

Минерине тай бергин.

Карыган карып кезиксе Каралашып май бергин.

Жолоочу, мискин, мусапыр

Жолукса кенен жай бергин.

Мына ошентип, башкаларга агынан жарылып ачылып, жакшылык кылуу айкөлдүгү, берешендик кыргыздын рух маданиятында эң жогорку асыл-нарк катары санала келген жана андай моралдык касиетке эгедер адам эл ичинде жана ыр-дастандарда аңыз болуп айтылып, даңазаланган.

Кыргыз ичинде илгертен өзүнүн айкөлдүгү менен айырмаланган залкар адамдар аз эмес болгон. Руханий марттык Тоголок Молдонун да аздектеп бийик көтөрүп, даңазалаган моралдык идеалдарынан болгон. Мындай адамдык айкөл сапатты акын өзүнүн «Эр Эшим, Түгөлдүн байлыгы» аттуу чыгармасында добушун бийик чыгарып, өзгөчө бир дем-шык, ынтаа менен ырга салган.

Илгерки заманда айтылуу Жумгал жергесинде Түгөл деген бир тарыхый инсан жашап өткөн. Бүгүн да «Түгөл – сай» деп аталган анын наамында жер бар Жумгалда. Ошол Түгөлдүн төрт түлүк малы Окторкой, Сандык жайлоолоруна, кең Суусамырга батпай, эсепсиз болуп жайылып күтүрөп жатчу экен. Күндөрдүн биринде Эр Эшим деген Талас жактык бир белгилүү баатыр-хан көп жигиттерин жиберип, Түгөл байдын миңдеген жылкыларынын далайын четинен бөлдүрүп, чаңдатып өзү жакка айдаттырып кетет. Жылкычылары артынан кууп баралы деп жулунушса, Түгөл: «Кайгырбаңар балдарым, калганын багып жейли, бастырып бириң барба» деп тыйып коёт. «Топук кылып Түгөл бай, кеткен малга кейибейт, канаат карын тойгузат, калганы болот деги дейт». Эр Эшим жигиттери көз көрүнөө тийип, айдап келген калың малдын артынан суроо салып, эч кимдин келбегенине бир чети таңданып, бир чети тынчсызданат да, акыры Таластан аттанып, жигиттери менен Түгөлдүн айлына келип түшөт. Жылкы тийип алгандыгы жөнүндөгү чындыкты ачык айтып, эмне үчүн куугун салып, жок сурап арттан барбагандыгын байдан сурайт. Ошондо Түгөл мындай деп жооп берет:

Ой Эр Эшим ханым ай, Ой-тоо да менин малым ай. Кайсы бирин жоктоймун, Кайгыртып азиз жанымды ай. Жетишет го өмүргө, Калган-каткан дүнүйөм. Карышкыр жесе канчасын, Кай бирине күйүгөм.

Сурабай бирөө мал алса, Каткырып күлүп, сүйүнөм. Мейман келсе куштаймын Берекелүү үйүмдөн.

Түгөл Эр Эшимге дүнүйө, көр оокат жерге кирсин, керек болсо малымдан дагы алыңыз дегенде, Эшим хан ичинен катуу уялып, байдын айкөл даанышмандыгын, жоомарттыгын баамдайт. Мына ошентип, Түгөл сегиз канат ак бозүйдө Эр Эшимди коноктоп, болгон сыйын көрсөтүп, акырында өтүнүч боюнча өзүнүн эң жакшы көргөн, баалаган күлүгү Шарп Куланы мингизип, баатырды Таласка акырын узатып коёт. Эр Эшим Түгөлгө ичинен терең ыраазы болуп, катуу ойлонгон бойдон жерине кайтат. Түгөл бай эл-жерибизди душмандардан коргоп жүргөн Эшим баатырга Шарп Куланы суратпай мурда эле берсем болмок экен, ат эми ээсин тапты, деп жайкалган сакалын дембе-дем сылап, айлында кала берген экен. Түгөлдүн байбичеси да кеменгер жан экен, «байлыгы менен адамдын, жетеби башы булутка? Жардылар жүрөт тим эле, ошолор байдан топуктуу» деп ойлонот.

Тоголок Молдонун аталган чыгармасындагы мал-мүлктөн, көр дүнүйө-байлыктан жогору тура билип, дүйнөгө, жашоого кеңири көз караш менен караган Түгөл байдын жоомарттыгы, кең пейилдүүлүгү, жан дүйнөсүнүн, акылоюнун философиялык кенендиги бизди суктандырбай койбойт. Түгөл менен анын байбичесинин ишениминде алдамчылыктын маңызы дүнүйө-мүлктө эмес, топуктуулукта жана пейилдин жоомарттыгында. Түгөлдүн «Таш менен урганды аш менен ур» деген элдик даанышмандыкты карманып ортодо болчу кандуу кагылышууну болтурбай, Эр Эшимди күч колдонбогон жакшылык мамиле менен багындырганы жана тарбия бергени  кимге рухий сабак, таалим эмес. Түгөлдүн гуманисттик сабагы бүгүнкү карама-каршылыкка, тирешүүлөргө толгон жер-жүзү үчүн, адамдардын өз ара мамилелери үчүн табылгыс нравалык өрнөк десек жаңылышпаган болор элек. Дүйнөдө тынчтыкты, гармонияны орнотуунун  бир амалын мына ушул Жумгалдык байыркы Түгөл байдын даанышман жүрүмтурум мурасынан издөө туура болуп жүрбөсүн?  Тоголок Молдо «Эр Эшим, Түгөлдүн байлыгы» чыгармасында дегеле меймандос, кең пейил кыргыз калкынын элдик мүнөзүнө  тиешелүү келген айкөл жоомарттык касиетти Түгөлдүн адеп-ахлак үлгүсү аркылуу өзгөчө басым коюп, жар салгандыгы, жайылткандыгы менен сүйкүмдүү.

2

«Думана караңгы киргенине карабастан көчө менен жүрүп отуруп, акыры бир жесир кемпир менен жетим баланын кара алачыгына туш келет. Бала сыртка чыгып, думананы көрүп: «Думананы кондуралыбы?» – деп энесинен сурайт. «Макул айланайын, думана болсо, үйгө кийир», – дейт энеси. Думана үйгө кирип, жайланышып отурат. Бала бир байга үч жылы малай жүрүп, ошол күнү акысына он кой алып келген экен.

  • Конокко бир кой соёлу, эне? – дейт баласы. Энеси макул болуп, койду союшат.
  • Мага эки эле бөйрөгү керек, калган этин жебейм, – дейт думана.
  • Эки бөйрөккө да киши тоёбу. Андай болсо он койду тең соёюн. Жыйырма бөйрөк болот, – деген бала койлорунун баарын союп, думанага жыйырма бөйрөгүн берет. Думана ак батасын берип, конбостон андан ары жүрүп кетет.

Он коюн бир думанага союп берген баланын жоомарттыгын баалап, аны ошол жердин падышасы өзүнө биринчи визир кылып алган экен. («Кыргыз эл жомоктору» китебинен).

Жоомарттык сапат жомоктордо гана даңазаланып жашабастан, турмушта да арбын кездешет. Маселен, ушундай сапат – касиет жагынан кечөөкү өткөн заманда айтылуу Жантай хандын уулу атактуу Шабдандын бөтөнчө айырмалангандыгы калк арасында аңгеме-жомок болуп айтылып келе жаткандыгы маалым. Кеминдик белгилүү инсан  Абдрасул Осмонов: «Шабдан баатырдын берешендиги, мээримдүүлүгү бүтүндөй түрк элине, ал түгүл орус калкына жаккан», – деп жазса, Шабданды көрүп, ага замандаш болгон  алгачкы абройлуу тарыхчыбыз Осмонаалы Сыдык уулунун мындай деп эскергени бар: «Баатыр болжолсуз жоомарт болгон. Дүнүйөнү күнүгө канча бир адамга төгүп-чачып турган. Күнүнө нече миң сом колуна келсе, он тыйыны калбастан, ошол замат калкка таратып берип турар эле жана ошончолук көп мал күнүгө күтүрөп ордуна толуп да турар эле, кетип да турар эле. Жол жүрүп келе жатканда алдынан бир муктаж адам же дубана чыкса, минген аты аргымак болсун, карабастан түшүп берер эле» (китепте: Шабдан баатыр, – Бишкек, 1992, 75-бет). Атактуу Калмырза акын учурунда  Шабданды мындайча мүнөздөгөн:

«Кан Жантай уулу эр Шабдан, Маңдайынан шам жанган, Көргөн адам таң калган.

Орустардын паашасы, Олуя сымал сыйынган.

Арага түшүп сүйлөшүп, Куткарган элин кыйындан.

Бечарага бел болгон,

Көзү жокко көз болгон,

Алсыздарга ал болгон,

Айласызга мал болгон, Үйсүздөргө үй болгон,

Үнсүздөргө үн болгон».

Шабдандан кийин чыгып, жаңы эле узаган XX кылымдын 50-60-жылдарында жашап, саяпкер катары даңкы чыккан Ысык-Көлдүк  Баячор уулу Жумадылдын нравасы менен да таанышып өтөлү: «Күлүктөрү биринин артынан бири маарага биринчи келип, чоң, чоң байгелерге ээ болуп жатса да, Жумадыл саяпкер ал байгелерге көп маани бербей, аттарынын жарыштан озуп келгендигине, күлүктөрүнүн аяк ташташына кубанып, тебетейин көккө ыргытчу. Байгелерди албастан, элге түгөлү менен таратып берип, өзү куру кол калчу эле.   Атүгүл алган байгеси жетпей калганда, элге өзү жанында алып жүргөн менчик акчасын да таратып берип койчу. Күлүгү чабылар күнү алган байгем элге жетпей калбасын деп, байбичеси Айымбүбүдөн кошумча акча алып, чөнтөгүнө салып коё турган адаты бар эле. Жумадыл саяпкер ушундай март, айкөл киши болгон». (Кыргыз Туусу 16-18-май, 2000-жыл). Кыскасын айтканда, жогорудагы Баба дыйкандын, Манас атанын жана алардын урпактары Шабдандын, Жумадылдын бөлөктөрдүн камын ойлогон гумандуу адеп-ахлагы, материалдык нерселерден рухий байлыкты ар дайым жогору койгон  кыргыз социумунун моралдык менталитети үчүн илгертен мүнөздүү чындык экендигин баса белгилемекчибиз. Айта өтчү нерсе, жоомарттык касиет, жан дүйнөнүн айкөлдүгү жөн гана табият берген касиет эмес, колдун берешендиги ары жактагы акыл кенендигинен, сырткы марттык ички руханий марттыктан туулуп чыгып жаткан көрүнүш экендигин туюнуп коюшубуз абзел.

Илгери кыргыздын нарктуу байлары кедей-кембагалдарга саап ичкенге козулуу кой, улактуу эчки, музоолуу уй берип, көмөк көрсөтүп турушкан. Ата-бабалардын мындай гумандуу салттарынын учугу бүгүн уланууда. Мисалы, жумурай-журтка аттын кашкасындай белгилүү Аскар Салымбековду алалы. Ал өзүнүн гумандуу адепахлагы, берешендиги, жоомарттыгы менен айырмаланып келет. Аскар мырза канчалаган муктаж адамдарыбызга материалдык жардам көрсөтүп, канчалаган акын-жазуучулардын китептерин жарыкка чыгарды. Канчалаган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды каржылады. Элибизге канчалаган жакшылыктарды кылды. Аскар Салымбеков Борбордук Азиядагы эң чоң «Дордой» базарын ачып, 50000ден ашык адамга жумуш орундарын таап берген. Дагы 110000ден ашууң киши «Дордой» менен байланышкан тармактарда жумуш менен камсыз болгон. А. Салымбековдун «Дордой» базарынын соода ишмердиги өлкөбүздүн бюджетине миллиондогон, миллиарддаган кирешелерди алып келүүдө. Эл баккан, чыгаан, колу берешен, жан дүйнөсү жоомарт, акылы менен кыйын кырдаалдарда айла таап, эл-журтуна жарыгын чачып, жакшылыгын тийгизген Аскар Салымбековдой азаматты алкабаганда кимди алкайбыз?

Ошондой эле, экс-депутат, белгилүү ишкер, берешен инсан Абдандил Кулбараков да эл-журттун алкышын алып келе жатат. Колу ачык, пейли кенен, боорукер, адамкерчиликтүү Абдандил мырза өлкөбүз экономикалык кризиске учурап турганда тону жокко тон берген, майы жокко май берген, аты жокко ат берген, үйү жокко үй берген жоомарттыгы менен өзгөчөлөнүп келди. Өз каражатынын эсебинен Жумгалдагы Кызарт айылына төрөт үйүн салып бергени не деген жакшылык. Улуу «Манас» эпосу боюнча окуу китептерин, окуу куралдарын, окуу колдонмолорун үзбөй каржылап келет. Башка дагы нечендеген спорттук иш-чараларга демөөрчүлүк кылды. Эгемендүүлүктүн жылдарында ал муктаж болгон эл-журтка 250 миллионго жакын сомду өз каражатынан жумшаган. Абдандил алдынан жардамга муктаж жөө-жалаңдаган кембагал чыкса, илгерки Шабдан бабасы өңдөнүп, ага минген атын түшүп берип, өзү жөө басып кете турган руху март  кыргыздын асыл жигити. Мындай берешен, жоомарт, ак калпак калктын адептик наркын боюнда көтөрүп жүргөн Абдандилдей уулдар журттун таянычы. Бул өңдүү азаматтар кыргыз ичинде аз эмес экендигин белгилеп кетели. Кыргыз уул-кыздарынын элден аянбаган марттыгы айрыкча, пандемия учурунда жана Баткен окуяларында ачык көрүндү.

Азыр философтор адамдан адамдын жоголуп бараткандыгы жөнүндө тынчсызданып жазып жатышат. Ал эми кишини киши кылып турган, адамды адам катары мүнөздөп турган касиет, көрпендени, мындайча айтканда, нурпенденин деңгээлине көтөрүп турган бирден-бир көрсөткүч – бул жоомарттык сапат, жан дүйнөнүн берешендиги, гумандуулугу. Дал ушундай адамды адам кылып ичтен тиреп көтөрүп турган фундаменталдык рухий-моралдык касиет кыргыз менталитетинин асылкеч жактарына күбө өтүп турат. Эгерде дүйнө жүзүндөгү бардык пенделер ушундай гумандуу этиканы тутунуп жашай турган болсо, анда жанагы философторчулап бүгүн адамдан адамдын жоголуп бараткандыгы жөнүндө эмес, тескерисинче, адам жамааттарынын рух ден соолугунун, дил соолугунун мыктылыгы тууралуу кеп кылып турбайт  белек.

Бүгүнкү күндө капиталисттик-рыноктук, акча-товар мамилелеринин шартында адамзаттын авангарды деп аталган кыйла өлкөлөр тилекке каршы, жеке менчик психологиянын чыргасына тутулуп, жамаатчыл, коомчул, көпчүлүкчүл агыл-төгүл жоомарт менталитеттен улам алыстап, жеке кызыкчылыкты туу кылып, индивидуализимдин жана технократизмдин кучагына улам күчтүүрөөк жутулууда.

Цивилизация жана глобалдашуу али чындап  бүлүндүрө элек Кыргызстанда-ак карлуу Ала-Тообузда тилекке жараша жогорудагы Баба дыйкандын жана Манас атанын айланага жарыгын чачкан берешен жаркын моралы жана руханий жоомарттыгы али жалыны өчпөй «жүрөк кагып» турганына Кудайга шүгүр. Манастын бүгүнкү бир чүрпөсү мектеп окуучусу социологиялык сурамжылоого берген жообунда минтип жазат: «Мен бай болуп, кедей-кембагалдарга жардам берүүнү каалар элем» («Кутбилим», 13.12.08).

Кыргыздын жоомарт, берешен, меймандос жан дүйнө маданиятына арналган төмөнкү ыр саптарын окуп көрүңүз:

Бечарага таштап ийип жаныңды,  Бөлүшчү элең колуңдагы наныңды.

Сыйлачу элең мейман келсе үйүңө,

Көтөрүп чаап, эң акыркы малыңды…

Буржуазиялык, капиталисттик түзүлүштө жашабаган кыргыздарда Россия-Европадагыдай Плюшкиндер, Гобсектер болбогон. Көчмөн цивилизацияда жашаган кыргыз пендеси дүнүйөкор болгон эмес. «Бүгүн  көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө бок, дүнүйөң кара жерге кирсин, алтыныңды басып жатканда башыңа мүйүз чыкмак беле, көр оокатыңды тиги дүйнөгө ала кетмек белең, бу жарыкка жылаңач келгенсиң, кайра жылаңач кетесиң. Акылың болсо, колуңда барыңды элге чач. Биринчи эл аман болсун. Ал эми элдүү түлкү ачка өлбөс,» – деп ой жүгүрткөн көчмөн кыргыз. Ушундай ойлонуу ыгы азыр да анын маданий-рухий генетикасында жашайт. Ушундай философиядан улам ал берешен, жоомарт. Анткени менен  калп айткан менен болобу, «кой аксагы менен миң» дегендей, калк ичинде «чык татырбас Чынарбай» да жок эмес.

XVI. МЕЙМАНДОСТУК

Акыл асылдыгынан, рух марттыгынан чыккан дагы бир касиет – бул кыргыз элинин меймандостук сапаты. Ак калпак калк дүйнөгө өзүнүн меймандостук касиети менен даңазаланып келет. Кыргыз элинин ичи-коюну кенен, кучагы жайылуу, башка калктардын өкүлдөрүнө пейили ак, эшиги ар дайым ачык. Ошондуктан бүгүнкү күндө меймандос өлкөбүздө 80 ден ашык улуттардын өкүлдөрү буттарын кенен сунуп, өз үйү, өлөң төшөгүндөй жашашат. Илгери көп элдер, этностор Манас атадан өздөрүнүн коргоочусун көрүшкөн.  Манас мамлекети аларды канатынын алдына калкалап, туяктууга тептирбей, тумшуктууга чокутпай камкордукка алган. Дагы бир жолу айталы, эпостогу «Көкөтөйдүн ашына» төгөрөктүн төрт бурчунан меймандардын чакырылышы, алардын алдына ак дасторкон жайып, «ала-тоодой эт кылып, ала көлдөй чык кылып», урмат-сый көрсөтүшү кыргыз журтунун меймандостугунун айкын көрүнүшү. Манас биринчи жолу Алтайдан Ат-Башыга келгенде, кыргыздын улуу наркын алып жүргөн Кошой атабыз арстан шерди кучак жайып тосуп алып, меймандостуктун жогорку үлгүсүн көрсөткөн. Кыргыздардын өтүп бараткан чоочун жолоочуну үйгө кондуруп, сыйлап узаткан элибиздин илгертен келе жаткан салтын да басым коюп белгилөө кажет. Белгилүү окумуштуу, кытайлык боорлошубуз Макелек Өмүрбай кыргыз социумунун өзгөчөлүгү эмнеде деген собол коюп, ага мындайча жооп берет: «Кыргыздын түсү эмнеде? Кыргыздын түсү, кыргыздын өңү – адамгерчилик, меймандостук болгон. Кыргыз бирөө келип калса уят деп, ала каптын ичиндеги унга бир жилик этин салып, сактап койгон» («Алиби» газетасы 29.05.2013). Бул рух салты урпактарыбызда уланышы керек.

Дал ушундай жаркын элдик адеп-ахлакты, бабалар наркын алып жүргөн кыргыз турмушунун дагы бир каарманына көңүл бурсак. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Агындылар» аттуу документалдуу китебинде өзүнүн чоң энеси Канымгүл жөнүндө чоң урмат-сүйүү менен сөз кылат. Канымгүл чоң эне деген ким? Ал колдорунан тарамышы көрүнгөн, манжалары ийрейген, өмүр бою балабакырам, үй-бүлөм деп күн-түн «канатын жерге чапкылаган», мойнуна «каамыт кийип», көр тирликтин сокосун сүйрөгөн, үй-бүлөнүн гана эмес, колхоз түйшүгүнүн оор жүгүн да майышып жонуна көтөргөн, 1930-жылдардын ак кар, көк музунун, согуш убагындагы ачарчылыктын азап-тозогунун отуна күйгөн, элеттик бир чүкөдөй болгон кара кемпир. Бирок ушул чүкөдөй болгон кемпирдин көөдөнүндө не деген укмуш жүрөк кагып турат.

Шайлообек Дүйшеев минтип эскерип жазат: «Ошондой күндөрдүн биринде биздин үйгө күүгүм талаш бейтааныш киши келип түштү.

  • Кудайы конокмун байбиче. Жолум алыс. Атым чаалыгып калды, – деди.

Энем байкушум таш кемегесин оңдоп-түзөп, далайдан бери асылбай калган кол казанын асты. Көр-жердин арасынан эликтин терисинен жасалган жаман тулубун таап, ичинен талкандын арасына  «көмүлгөн» койдун карынын алып чыкты. Карындын ичинде толтура эт бар экен.

  • Конок-кара келип калабы деп узун сарыга сактап жүрдүк эле, кагылайын! Дегеле ырас болбодубу, пейилиңер түз экен,– деп жан-алы калбай кудуңдап, маңдайы жаркып кубанып, карынга каткан койдун жамбашы менен чүкөлүү жилигин, далысы менен омурткаларын сууга салды». («Агындылар» – 74-бет.)

Караңызчы, бу не деген мораль, не деген меймандостук, не деген  руханий ажайып көрүнүш. Жаман кепеде жашаган кедей кемпирдин биринчи көргөн бейтааныш Кудайы конокко өзү жебей, узун сарыга  деп катып, сактап жүргөн  аялуу тамагын тартуулап, ак көрпө жайыл болуп жатканын карачы. Чынында эле, жолоочулап баратып, салам айтып кирип келген чоочун кишини Кудайы конок деп, ким экенине карабай сыйлап узаткан элибиздин илгертен келаткан улуу салты бар да. Дүйнө калктарында сейрек кездешкен мындай айкөл  менталитет ата-бабалар рухунун бийиктигин айгинелеп турган уникалдуу касиет. Мындай аруу  касиетти кенедейинен жан дүйнөсүнө сиңирип, боюнда көтөрүп жүргөн  Канымгүлдөй чоң энелерге кантип таазим этпейбиз. «Кудай айланайын, а дегенде элге бер, андан кийин бизге бер» деп басса-турса Кудайга жалынганынан жазбаганы, ата-бабалардын арбактарына дайыма ичинен күбүрөнүп,  куран окуй жүргөнү, «а балакетиңди алайын балам, андай кылчу эмес, жыланды да Кудай жараткан, Кудай аны өлтүрсүн деп жараткан эмес» деп, жыланды да  аяганы, баланын көңүлү жабыркабасын, куса болуп ооруп калбасын деп, жөө-жалаңдап суу кечип, ой-кырлар менен жүрүп, 30-40 чакырым жерге өлгөн-талганда жетип, кичинекей Шайлообек  жетимди бөлөк бирөөгө турмушка чыгып кеткен  Нурбүбү апасына учураштырып турганы, өзүнүн пайдасын ойлобой, небереси үчүн чарк көпөлөк айланганы, өп-чап турмушта жашаса да, тиги жок, бу жок деп, кейип-кепчибегени, азга  сабыр, барга  топук кылып, жер-суунун амандыгын, калктын жакшылыгын тилеп жашаганы Канымгүлдүн руханиятынын жоомарттыгын, асылдыгын, парасаттуулугун күбөлөп көрсөтүп турбайбы.

Ушул китептин автору мен 1986-жылдын жайында казахстандык жазуучу, окумуштуу Зейнолла Кабдолов менен он күнчө жайлоодо чабан агамдын үйүндө жүрүп калдым. Биз турган жерден эки чакырымча арыраак 80ден ашкан Ажымбай карыянын боз үйү тигилип турат. Ошол Ажымбай карыянын байбичеси Ракыя эне бизди күн сайын кымыз ичкиле деп үйүнө чакырат. А калган коңшу жаш чабандарга кез-кез өзүбүз айылчылап барабыз. Мен ойлоном: бу эмне эле Ракыя эне күнүгө үйүнө кел деп кол булгап турат. Үйгө киргенде келегой деп чөйчөк сунуп турат. Мен түшүндүм. Анткени меймандостук, агынан жарылып ачылган кенен пейил бу кары кишилердин жаратылышы менен кошо бүткөн касиет. Алардын табияты ушундай. Кашына келип түшкөн меймандарга назар бөлбөсө ичинен коңултуктап, өзүн күнөөкөрдөй сезип турат. Ичтен тынчын алып жаткан уят-абийиринин түрткү буйругун аткарышмайынча өздөрүн адам катары сезе алышпайт.

Бизди толкунданткан нерсе жайлоодон кайтып бараткан күнү болду. Жакага жөнөй берерде жаан катуулап жаап келди. Колхоздун жүк ташыган машинеси менен кечке жуук төмөн карай эңиштеп түшө бергенибизде, тиги туура жактан эле көнөктөп төгө баштаган жамгырдын алдында колдорун булгап калдалаңдаган экөө келатат. Көрсө, булар Ажымбай аксакал менен Ракыя апа экен. Эртең менен коштошконубузга карабай акыркы жолу колубуздан даам сыздырып узатып калалы деп, бирөө кымыз куюлган мискесин, экинчиси чөйчөгүн көтөрүп чуркап алышыптыр. Көбүнчө шаар чөйрөсүндө жашап, мындайды учуратпаган жазуучу Кабдоловдун жубайы Сауле эженин байбиче менен карыянын мунусун көрүп өзүнчө эреркеп, көзүнө чолок жаш алып: «Балким АлаТоонун бул аймагына экинчи кайтып келбесмин, бирок жамгырдын алдында кымыз көтөрүп жүгүрүп келаткан кыргыздын айкөл карыясы менен байбичеси кайда жүрсөм да ар дайым көз алдымда турар» – деп, айтканы менин эсимден кетпей калды.

Кыргыз айылдарында ушундай бир адамдар болот, алардын наамы да, мансабы да, алган медалдары  да болбойт. Алардын ысымын, сүрөтүн эч бир справочниктен да, эч кандай окуу китебинен да, а түгүл, айылдын атайылап чыгарган энциклопедиясынан да таппайсың. Биз адат катары активисттерди, мансаптуу болуп өткөндөрдү, орден-медалдууларды гана каттап-чоттойбуз да. А мобереки карапайым жөнөкөй адамдар Канымгүл чоң эне сыяктуу көртирликтин ичинде жүрүп өмүрдөн өтүп кеткен жандар. (акын Шайлообек чоңойтоюн десе, Канымгүл эненин сүрөтү да калбаптыр) Бирок терең үңүлүп, байкап көрсөк, дал ушул «атак-даңксыз», билинбеген жөнөкөй катардагы пенделер, жүздөгөн, миңдеген ак калпак карыялар жана ак элечек  байбичелер  не деген адамдык улуулукту, не деген асылдыкты, рухий сулуулукту, не деген тагдыр драмаларын өз боюнда көтөрүп жүрүп өткөн. Ошондой билинбеген Канымгүл өңдүү карапайым элдик адамдар көрсө, жашообуздун тузу да, тиреги да, көркү да экендигин, элдик адеп-ахлактын туткасын кармап турган ошолор экенин, алардын бу дүйнөдөн кетиши менен коомубуз руханий-нравалык жактан жоготууларга учурап, улам бөксөрүп жатканын сезебизби. Көрсө, бүгүнкү биздин руханий тамырыбыз ошол Канымгүлдөй чоң энелердин жана чоң аталардын адеп-ахлагында экен. Төмөнкү поэтикалык саптар – акыйкат саптар:

О бабалар, чоң апалар, аталар, Эгер болсо менде учкуну ыймандын, жаңырыгы сенин асыл жаныңдын, өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан, өсүп чыккан менин рух тамырым…

XVII. БООРУКЕРЛИК

Боорукердик – адам баласынын эң асыл касиеттеринин бири. Бирок турмушта кээде момундай да көрүнүш кездешет. Кээ бирөөлөр кишилерге кайрымдуулук, боорукердик кылат, жардамдашат, бирок жакшылап карап көрсөң, бул боорукерликтин ички мотиви бөлөкчө. Адам өзүнүн атын чыгарыш үчүн, мындай акция аркылуу «утуш», «очко», «добуш» алуу кызыкчылыгынан улам ушинтет. Бул – жасалма боорукерлик. Сыртынан караганда ал адам «кайрымдуу» болуп көрүнгөнү менен ич жагында «бухгалтердик эсеп» жатат.

Боорукерлик чын жүрөктөн, көңүл түпкүрүнөн оргуп чыккан сезимге чулганган, жан дүйнөнүн жапакечтигинен, гумандуу акыл-эстин  аруу табиятынан табигый жаралып чыккан касиет болуш керек. Ошондо гана боорукерлик асыл адеп-ахлакка жаткан болот. Токтогул акындын боорукердиги – ушундай боорукерлик. Кеп мында.

Акындын жүрөгү ансыз да сезимтал, назик болгон, турмуштун оң-терс таасирлерине карата жан дүйнөсү комуздун кылындай дилдиреп турган го. Бирок буга кошумча, Токтогулдун  боорукердиги турмуштун ачуу тажрыйбасы үйрөткөн сабактар менен байыган, ошол баштан өткөн оор тагдырдын тажрыйбасын талдоодон, корутундулоодон келип чыккан акыл даанышмандыгы менен тереңдеп, жан дүйнөгө сиңген боорукерлик.

Карап көрөлүчү, Токтогул атасынан эрте жетим калып, бала кезинен кыйынчылыкты көп көргөн. Андан кийин эмне болду? Ак жеринен караланып, Сибирге 25 жылга каторгага айдалды. Акындын айдоодогу «туткун ырларын» окуп көрсөк, анда бардыгы айтылган.  Ак жеринен торго чалынган, колуна кишен салынган акын айдалып бараткан жолдо, түрмөдө, Сибирдин каторгасында көргөн кордугун, азап-тозогун муңканып ырдап турса, кыргызча айтканда, жанына киши чыдап тура албайт. Бооруң ооруп, көзүңдөн жаш тегеренет. Баарынан кордугу Сибирге бараткан жолдо каны катып суусаса, бир тиштем нанга зар болуп өзөөрүп турса, жалдырап мусапыр болуп турса, айдап бараткан солдаттардын бири да боор ооруп койбойт, оозуна суу тамчылатып коёюн деген бир киши чыкпайт. Кайра жонуна камчы уруп, ат менен омуроолотушат.

Түрмөдө колу-буту кишенделип, ачка, түндө алдынан сыз өтүп, бүргөгө таланып, күндүзү кечке жер казып, таш көтөрүп, карагай сүйрөп суй жыгылып, бутун тарта албай өлөйүн деп турса да, кожоюндардан бир да киши жан тартып, алын сурап адамчылык кылбайт. Төрөлөргө арыз-муңун айтып кайрылса, алар ит катары көрүп, сөзүн укпайт. Мына ушундай оор шартта, кайрымсыздыктын катаал кырдаалдарында бечара адам үчүн боорукерликтин канчалык зарыл экендигин, боорукерлик сапаттын адам баласы үчүн кандай керек экендигин Токтогул өзүнүн «жон териси» менен түшүнгөн.

Адамдарда бул сапаттын болушунун зарылдыгына акын Сибирден качып келе жатканда жолдо тилемчилик, кайырчылык кылган учурунда («Уруусу башка калаадан, уялбай кайыр сурадым») ого бетер ынанган. «Же кишини тааныбайм, жолотпойт эч ким жанына, мен бир жүргөн мусапыр, кетип турат алым да… Айткан сөзүм уксаңчы, бир эле түн жатамын, мага ырайым кылсаңчы» («Көчөдө өлчү күнүмбү?»  ырынан).  Ошону менен катар Токтогул каторгада жүргөндө Харитон, Семен сыяктуу орус адамдарынын жакшылыгын, түрмөдөн качып келе жатканда Жомогой аттуу тили буруу адамдын кайрымдуулугун да, Сулайман деген казак туугандын адамкерчилигин да көрүп, жашоого үмүт оту жанган.

Кыскасы, тагдыры бычак мизинде кылтылдап, өмүр же өлүм деп турган кыйын кырдаалдарда Токтогулдун адамдардан көргөн жамандыктары да, жакшылыктары да акындын жүрөгүнө өчпөс тамга болуп басылып калган. Мына ушинтип, Боорукердик деген нерсе Токтогулдун турмуштун азап-тозогунун ичинен таап, көтөрүп алып чыккан ишеними болгон. Боорукердик табигый жөнсалды гана сезим эмес, Токтогул үчүн бул нерсе ачуу тажрыйбадан төрөлгөн ынаным, аң сезимдүү түрдө тутунган гуманисттик позиция, тула-бою менен кошо бүткөн ыймандык сапат экендигин эч ким тана албас.

Боорукердик – акын-ойчулдун ою боюнча, адамдын адеп-ахлактуулугунун биринчи көрсөткүчтөрүнөн болушу керек.

Акындын боорукер, күйүмдүү, болушчаак жан-жаратылышы, жан дүйнөсүнүн үргүлөбөгөн сергектиги, гуманизми айрыкча «Жетимдер жөнүндө», «Турумтай менен Торгой» аттуу чыгармаларынан айкын көрүнөт. «Жетимдер жөнүндө» ырындагы мазмундун жөн-жайы мындайча:

Токтогул эл-жер кыдырган кезинде кыргыздын бир айлында отуруп, колу буттары кесилип, кычы болгон, «үстү-башы салбырап, үзүндү болуп самтырап» калтырап үшүп, эти жок бир шыйракты кемиримиш болуп кемегенин башында жалдырап ачка отурушкан сегиз-тогуз жашар эки эгиз жетимге көзү түшөт. Жүрөгү дароо «зырп» этип, көңүлү зилдеп, бейпайга түшөт. Эгиз жетимдин тагдырына кызыгып, «Бул экөө кимдин уулу болду экен, каралашар, кайрылар жакындары, туугандары жок бекен?» – деп тынчсызданып, олда бечара ай, жүдөшкөнүн карачы, же «кардым ачка, бергин» деп батынып сурай албаса, же бирөө устукан бербесе, бирөөлөр канатынын алдына калкалайын дебесе, бул байкуштардын көргөн күнү не болот, ата-энесиз жетимдердин алы-жөнүн ким сурайт? – деп Токтогул чындап кайгыланат.

Акын «аман жүрүп жетилсе, бул экөө да азамат болоор», эй алдуулар, оокаттуулар, малдуулар, силердин кунуңар кеттиби, ушундай карыптарга, бей-бечара, жетим-жесирге кайрылышып койбойсуңарбы деп ачуулана айлана-тегерегиндегилерге кайрылып, кайра балдарды карап, көздөрүн жалдыраткан ананайындар ай деп күйгүлтүк тартат.

Бул чыгармадан башынан жамандык өтүп калган Токтогулдун боорукер жүрөгүн жаземдебей көрүп турабыз. «Жетимдер жөнүндө» ыры акындын чын жүрөгүнөн, көңүлүнүн түпкүрүнөн атып чыккан ой-сезимдерди, Токтогулдун уят-ыйманын, адамгерчилигин, боорукерлигин жана анын адамдарды кайрымдуулукка, боорукерликке, күйүп-бышып чакырган гуманизмин айкын-ачык, даана көрсөткөндүгү менен баалуу.

Ал эми «Турумтай менен торгой» ыры да терең нравалык мазмунду аркалап тургандыгы менен күчтүү. Бул жерде керектүү мазмун аллегориялык образ аркылуу берилген. Турумтай эч бир күнөөсүз торгойду тырмагына мыкчып, тыткылап жеп-жутканы турат. Торгой байкуш өлөр-өлбөс жаны менен көзү аңтарылып, оозун ачып Турумтайга минтип жалынат:

Кагылайын Турумтай,

Кайта бошот курутпай, Карыныңды ач койбос,

Кагылайын бир Кудай.

Бөпө Турумтай,

Күкү Турумтай, Бетегенин түбүндө, Безбелдек уя салбасын. Айланайын Турумтай,

Беш балам жетим калбасын.

Турумтай торгойдун жалынычын укмак турсун, кайра анын төш этинен аткып бир сугунат. Бирок кантсе да, чымчыктын ичер суусу, көрөр күнү бар экен, оңдой берди болуп, ары жакта жүргөн койчу жүгүрүп келип, торгой кургурду арачалап куткарып калат. Аман калган торгой койчуга алкышын айтып түгөтө албайт. Беш балам жетим калбасын деп жалынса да карабай, кайра төш этин чокуп сугунган жырткыч Турумтай Сибирдин азаптуу жолдорунда Токтогул жалбарып суранса да, кылчалык кайыр кылбай, кайра камчы менен сабаган падышачылыктын таш боор полицайларын көзгө элестетет. Торгойду өлүмдөн куткарган койчу жакшылыктын, адамгерчиликтин, боорукерликтин символу катары көрүнөт.

Жыйынтыктап айтканда, Токтогулдун аталган эки ырынын жана башка чыгармаларынын мазмундук логикасынан сызылып чыккан нравалык жыйынтык буга келип такалат: Эгерде адам зулум болсо, таш боор, кайыры жок кара мүртөз болсо, адамдардын кайгы-муңуна кайдыгер, жакшылыгы жок бир макулук болсо, анда анын айбан жаныбардан айырмасы деле жок. Адам болуунун жолу жан-дүйнөнүн боорукерлигинде, кайрымдуулукта, күйүмдүүлүктө, бей-бечарага караштуу гумандуулукта, акылдуу боорукер жүрөктө.

Кыргыздагы боорукерлик адеп-ахлахтын тамыры кылымдардын түпкүрүндө, бер жагын айтсак улуу «Манас» эпосунда жатат. Эпосто атактуу бай Көкөтөй о дүйнөгө көчөөр алдында Байдын уулу Баймырзага:

«Менин көзүм өткөн соң, баатыр

Жөө бир жүргөн жакырга-ай

Чобур бир кармап бере көр, баатыр

Жылаңач жүргөн жакырга-ай

Чапан бир чечип бере көр, баатыр

Тел козудай жагызып

Айраның суудай агызып

Мына тентигендин баарысын,

Жакшы күтүп ала көр, баатыр», деп керээзин айтып суранат

(Ч. Валиханов жазып алган вариант).

Манас ата төмөнкүнү насыяттайт:

Кебиме кулак каккыла, Калкыңы жакшы баккыла.

Жесирге саан уй берип,

Сагырды издеп тапкыла,

Сүйүнтүп чөккөн көңүлүн

Минерине тай бергин. Карыган карып кезиксе Каралашып май бергин. Жолоочу, мискин, мусапыр Жолукса кенен жай бергин.

Көкөтөйдүн керээз сөзү Манас атанын, насыяты Токтогул Сатылгановдун осуяттары бул үчөөнүн боорукер, кайрымдуу, жоомарт жан дүйнөсүн айгинелөө дегеле, кыргыздын руханиятынын гуманизмине дагы күбөлөп турат. Бүгүнкү күндө боорукерлик, кайрымдуулук иш чаралары жеке инсандардын деңгээлинде да, мамлекеттик деңгээлде да жүрүп жатат.

 

XVIII. ДОСТУК –элибиздин кең пейилдүүлүгүнүн түптүү көрсөткүчү

Улуу «Манас» эпосунун мазмунунун негизинде жаткан фундаменталдык эреженин бири – бул калк аралык достук жобосу. Тынчтыктын, ынтымактын шарттарындагы эл аралык кол кармашкан достук алака-катыш – «Манастын» адеп-ахлак наркынын  башкы кенчи.

Бул эрежени эпостун сюжетинин мисалдары менен кыска жана нуска чечмелеп түшүндүрүп өтөлү.

Дүйнөлүк акыл-эс тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отуруп тапкан универсал идеялардын бири – бул жарык дүйнөдөгү бардык нерселердин өз ара чырмалышкан байланышы, өз ара шартташкандыгы жана өз ара бирибирине багынычтуулугу, дүйнөнүн бир дене сыяктуу  бүтүндүгү, бирдиктүүлүгү жөнүндөгү  философия. Биздин «Манасыбыздын» түпкүрүндө да ушундай фундаменталдык идея чөгүп жатат, ал идея эпосто активдүү аракетте турат. Элибизде тээ байыртадан: «Тиричиликтин күчү-бирдикте», «Тирилик түбү – бирдик», «Бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. «Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат» – деген ой да ушул даанышмандыктын уландысы. «Манас» эпосунун түндүгүн көтөрүп турган үлкөн идеялардын бири интернационализм, достук, биримдик идеясы дал ушундай концептуалдык дүйнө таанымдан агып чыгат. Манас баатырдын кыргызды гана эмес, түркүн уруулардын жана этносторду бириктирген «Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» ишмердиги дал ушундай философияга негизделет.

1

Манас дүйнөдөгү эң айкөл интернационалист каарман. Дегеле, «Манаста» адам тегине, улутуна, расасына карап эч качан бааланбайт. Манастын жандай көргөн кырк чоросунун ичинде ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү: казак да, кыпчак да, моңгол да, калмак да, кытай да бар. «Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка» – делет «Манаста». Эпостогу эр-азаматтардын достугу жана биримдиги биринчи иретте, чындык, калыстык, адилеттүүлүк, адамгерчилик, эл алдындагы ак кызмат, адал мээнет деген сыяктуу улуу адеп-ахлак дөөлөттөрүнө негизденип турат. «Манастагы» Алмамбет менен Манастын достугу жөнүндө да дал ушуну айтууга болот. Маселен, Алмамбет баатыр Кытай мамлекетинин атуулу,  ал адилеттүүлүк үчүн күрөшөм деп  өзүмчүл феодалдык жетекчилердин курчоосунда калып, өз өлкөсүнөн куулуп чыгат. Алмамбет чыгыштагы феодалдык деспотиянын шарттарында чындыкты, акыйкатты, адилеттүүлүктү издөөнүн ачуу драмасын жана трагедиясын баштан кечирген каарман. «Кайыңдуу көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун» – дейт Алмамбет.  Чындык, адилеттүүлүк  кай жерде болсо, ал ошол жерде. «Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок» – деп арман кылган Алмамбет, акыры издеген идеалын Ала-Тоодогу Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Өз кезегинде «издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди», – деп ичинен тымызын Аккан досту көксөп жүргөн Манас, Алмамбеттен өзүнүн руханий эгизин көрүп, «алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экендигин» таанып, кучагын жайып кабыл алып, «кызыл найза желегим, кытайдан келген белегим» – деп аны менен ажырагыс дос болот. Эки эрдин достугу кыргыз элинин эркиндиги жана кытайдын карапайым эмгекчи элинин феодалдык деспотиядан эркин болушу жөнүндөгү боштондук идеалына негизделген.

Манас менен Алмамбет көр тириликтин майда-баратынан, бытовизмден, этникалык, улуттук тосмолордон өйдө көтөрүлүп, акыл-ой маданиятынын өтө бийик чокуларына көкөлөп чыккан каармандар. Ошол рух  чокусунан бирибири менен жуурулушкан даанышман баатырлар. Манас менен Алмамбеттин  достугу дүйнө элдеринин өз ара диалогу, чындыкка, акыйкатка, алысты ойлогон акылман калыстыкка негизделген эл аралык ынтымагы жана достугу, биримдиги үчүн өзүнчө  бир символ.

2

Ушул жерден, достук жөнүндө дагы бир сөз. Достук деген бул кандайдыр бир расчетко негизделген жүрүмтурум, же болбосо тартууланган кымбат белектер, формалдуу келишим, салтанаттуу сырткы убадалар эмес. Достук – бул жүрөктөн төгүлгөн сүйүү сезими. Кыргыз поэзиясында жогорудагы Манастын досу Алмамбетке арналган өзүнчө бир ыр саптары бар. Ал ырда Алмамбет минтип ички жан сырын ачыкка чыгарат: «Ак калпакчан улуу кыргыз жеринин, Уулу болуп кызмат кылдым дилимден. Аңызына үрөн болуп көмүлүп, Көктөп чыгып, мөмө болуп ийилгем…»

Кыргыз деп да, кытай деп да жүгүргөм.

Эки калкка эркиндик деп бүлүнгөм.

Өлбөгөм мен Чоң Казатта найзадан,

Мен өлгөмүн эки эл деген сүйүүмдөн!.

Бул монологдон улам айтарыбыз, достук ширелишүүнүн негизинде дал ушул Алмамбеттикиндей айкөл сүйүүнүн жатышы абзел. Ал эми достук сүйүү сезими элдин, адамдын тилин, дилин, маданиятын, жан дүйнөсүн түшүнүүдөн улам жаралат. Алмамбет кыргыз элин, Манасты ич жагынан түшүнүп, өз элиндей, өз бир тууганындай көрүп, ак калпакчан калкка агынан жарылып кызмат кылган. Өз кезегинде кыргыз калкы да, Алмамбетке жүрөгүнөн балкылдап ийип, аны өз бир боор уулундай санап калган. «Чоң Казатта» Алмамбет каза таап, жан досунан ажыраганда Манас: «Кызыл болот желегим, Алмамбет – каңгайдан келген белегим! Кысталыш жерде керегим!

Өөдө чыкса – өбөгүм, өлбөй кантип турамын,  кайраным Алмам-жөлөгүм! Алтын айдар, чок белбоо, арыстаным Алмам, ала жат! Кол кармашып кеткенге, кокуй күн, Алмам, ала жат!» – деп жаш баладай өңгүрөп ыйлаган. Манастын көз жашы өзөктөн өрттөнүп чыккан чыныгы күйүттүн көз жашы болучу.

Достук жөнүндөгү сөздүн контекстинде Тоголок Молдонун «Каркыра менен түлкү»  аттуу тамсилине эске түшөт. Аталган тамсилде түлкү менен Каркыра дос болот. Куу түлкү жем издеп кеткен коңшулаш каркыра досунун бир балапанын бырпыратып басып жеп коёт да, каркыра кайтып келгенде, алдынан «буркурап ыйлап» тосуп чыгат:

«Бирибиз тышка чыкканда,

Бирибиз үйдө турбай – деп,

Этият болуп сактанып,

Эптеп оокат кылбай – деп,

Сен кеткенде, мен кетип,

Экөөбүз үйдөн тең кетип,

Санап көрдүм биле албайм, Тогузунан кими жок, Кандай бетсиз алды экен?

Узун моюндун бири жок. Бала деген эң кыйын, Баласыздын күнү жок.

Узун моюн балаңдын,

Убайым кылды дарты деп, Каркыра аке кантелик?

Кайрылуу болсун арты» – деп, Түрдүү кытмыр сөз баштап, Түлкү турду муну айтып. Кара күчкө кууланып,

Кара жанын муңайтып.

Терең карап, талдап көрсөк, бул жерде жаман нерсе, түлкүнүн калп айтып, жасалма ыйлап куулангандыгында гана эмес, мындагы эң жаман, моралдык жактан эң коркунучтуу нерсе, түлкүнүн балапанды жеп коюп, өзүн күнөөлүү сезбегендигинде, өкүнбөгөндүгүндө, мындайча айтканда «бетинин кызарбагандыгында», уят-абийири ичтен өзүн жеп кыйналбагандыгында, өзүнүн кылганын туура деп ичинен эсептегендигинде. Албетте, биерде түлкүнүн аллегориялык образы аркылуу адамдардын жосунуна тиешелүү нерсе жөнүндө каймана айтылып жатат. Эми каркыранын түлкү менен дос болуш фактысын карап көрөлү. Каркыранын түлкү менен болгон достугунун пайдубалы кумдун үстүнө курулган. Каркыра канаттуу куш, ал эми түлкү болсо канаттуунун эти менен тамактана турган жырткыч. Экөөнүн достугунун бекем болушу үчүн бул жерде ишенимдүү негиз жок. Жырткыч түбү жүрүп бир күнү кол салбай койбойт. Турмушта каркыра сыяктуу көңүлүндө кири жок , баёо, ишенчээк, уяттуу адамдар болот. Мындай адам кээде эч жамандык ойлобой түлкүгө окшогон куу, тышы жалтырак, ичи калтырак, өзөгүндө тутунган принциби жок мүлтүлдөк өзүмчүл киши менен дос болуп, а түгүл түбөлүк бир болобуз деп, бири-бирине кымбат белектерди арнашып, антташкан учурлар кездешет. Бирок бара, бара тиги мүлтүлдөк өз жолоюна түшүп, «итчилигин» кылып, чыккынчылык жасап, ишенчээк досун сызга отургузуп кеткен окуялар аз эмес. Айталы дегенибиз бул: Достук качан бекем болот? Достуктун бекемдигине тартууланган кымбат белектер, формалдуу келишим, сырткы убада, эч кандай ант кепил болуп бербес. «Пайдубалында» ыйман, абийир, эки адамдын тең ниетинин тунуктугу жатканда гана, жандүйнөлөрдүн окшоштугу, тутунган нравалык принциптердин бирдейлиги, мүдөөлөрдүн жалпылыгы, бири-биринин алдындагы өз ара милдеттердин ыйыктыгын терең туюнуу наркы экөөндө тең жашап турганда гана достук бекем боло алат. Тоголок Молдонун тамсилдеринен ушундай логикалык тыянак чыгып турат. Сөздү уласак, жогорудагы Манас менен Алмамбет ишенимдеш рухий эгиздер. Достукту айтам десең, дал ушул кыргыз менен кытайдын кулундары – Манас менен Алмамбеттин достугун айт дээр элек.

Дагы бир жолу айталы, жеке адамдык деңгээлде дагы, этностор аралык деңгээлде дагы, эл аралык деңгээлде дагы Манас менен Алмамбеттин достугу-дүйнөгө балбылдап күйгөн ШАМЧЫРАК!

3

«Манастагы» «Көкөтөйдүн ашынын» эл аралык достук философиясы жөнүндө да айтпай кетүүгө болбойт.

«Көкөтөйдүн ашы» жер үстүндөгү калктардын эл аралык форумуна окшойт. Эпостун бул маанилүү бөлүгүн 1856-жылы Ысык-Көлдө биринчи болуп белгисиз жомокчунун оозунан жазып алган чыгыштын чыгаан уулу Чокан Валихановду урмат менен эскербей коё албайбыз. Ч.Валиханов «Көкөтөйдүн ашынын» калк аралык маанисин баамдаган сыяктуу.

Айтылуу бул ашка Бүткүл Орто Азиянын, Сибир, Алтай аймагынын түркүн калктары гана эмес, алыскы Орхондон, Моңголиядан, Жапандын Сыймун аралынан, Кангайдан, Кытайдан, бери жагы Чыгыш Түркстандан, тиги жагы Индостандан, Оогандан, ары жагы Крым менен Урумдан  эл чакырылат. Ашка «Ар жумушка дилгирген, алтымыш түрдүү тил билген», жайма көкүл жаш Айдар «булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн» куштай учкан Мааникер күлүктү минип, чабармандык кылат. Каркырага «кара курттай кайнаган, кумурскадай жайнаган» түмөндөгөн түркүн  калк чогулат. «Кытай журту бир түркүн, кыргыз журту  бир түркүн, орус журту бир түркүн, ооган журту бир түркүн, калмак журту бир түркүн, казак журту бир түркүн» делет Манаста. Ашка үч жүз миң боз үй тигилет. Чыныгы эпикалык масштаб деп ушуну айтыш керек.

«Көкөтөйдүн ашында» «Жамбы атуу», «Ат чабыш», «Балбан күрөш», «Эр сайыш» сыяктуу спорт оюндары ойнолот. Жамбы атууга жыйырмага жакын калктын көзгө атар мергендери катышат. Ат чабышта түркүн журттардын эки миң күлүгү жарышка салынат. Кыскасын айтканда, «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашы» бүгүнкү замандагы дүйнөлүк олимпиаданы элестетип кетет, тагыраак айтканда, азыркы спорт оюндарынын эл аралык олимпиадасынын алгачкы прообразы өңдүү. Дүйнөлүк олимпиаданын туңгуч өрнөгү эзелки кыргыз эпосунда берилген десек жаңылышпас элек.

Бирок, «Көкөтөйдүн ашынын» маани-маңызы жалгыз гана ушунда эмес. Иштин тереңдеги мааниси, тынымсыз кагылыш-кармаштар, кандуу уруштар өкүм сүргөн жоокердик доордо өз жерине түркүн тилдерде сүйлөгөн алыскы-жакынкы калайык-калктарды чогултуп, а түгүл жоолашып турган душманын да (калмак-кытай) мейманга чакырып, ак дасторкондун үстүндө мамилелешүүгө, баарлашууга реалдуу түрдө кадам таштаган, түпкүлүгүндө журттар  ынтымагын көздөгөн ак калпак кыргыз элинин айкөл пейлинде жана гуманисттик умтулушунда жатат. Дагы айталы, азыркы эл аралык тынчтык жыйындарынын жана Ассамблеялардын башаты илгери эле кыргыз жергесинде түптөлгөн экен. «Көкөтөйдүн ашын» уюштурган кеңешчилердин акылман тобу «Ала-Тоодой эт болгон, ала  көлдөй чык болгон» бул аш «акыр заман журтуна» чейин адамзат балдарына «санат-нуска» болуп калсын деген улуу мүдөөнү көздөшкөн. Чындыгында эле, «Манас» дастаны  «Көкөтөйдүн ашы» аркылуу (анын айрым койнунда котур ташы бар меймандардын  айынан чыр менен аяктаганына карабастан) жер үстүндөгү элдердин биригүүсүн, тынччылыктын кырдаалында алака-мамилеге өтүү глобалдык идеясын тереңден каңкуулап тургандыгы менен жалпы адамзат балдары үчүн табылгыс сабак жана баалуу нуска. Сюжеттик өзөгү кечээки жоокердик замандын баш-аягы түгөнбөгөн катаал кагылыш-кармаштарына, кандуу казаттарына, каардуу окуяларына шыкалып турса да, «Манас» акылмандыкка чулганган эпос. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1994-жылы 5-октябрда: «Манас» эпосунун  Орто Азия чөлкөмүндөгү элдерди эзелки тарыхтан бери эле бириктирүүнүн жана байланыштыруунун турмуштук негизги түйүнү экендигин, эпос адамзаттын көптөгөн идеялары менен баалуулуктарын таркатууга шарт түзөрүн, жалпы адамзаттык мурасты байытууга, эл аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоого кошо турган салымын эске алуу менен, 1995-жылды кыргыздын улуттук «Манас» эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялайт» – деп токтом чыгаргандыгын эске түшүрөлү. БУУнун Токтомунда «Манастын» мазмундук тереңдиги жана анын нарк-дөөлөттөрүнүн жалпы адамзаттык мааниси мына ушундайча баса белгиленген.

Достук деген асыл сөз Манас үчүн эч убакта формалдуу ураан, кургак чакырык,  тил учундагы кооз кеп  болгон эмес.  Азия мейкиндиктеринде жашаган түркүн калктардын, тайпалардын чок ортосунда, Улуу Жибек Жолунун тоомунда турган Манас мамлекети үчүн достук деген нерсе реалдуу маңызга ээ ыйык түшүнүк болгон.

Интернационализм, достук дөөлөтү эч качан эскирбеген түбөлүктүү философия. Улуу «Манастын» интернационализм, достук принциби бүгүнкү эгемендүү кыргыз мамлекетинин түпкү пайдубалында өзөктүү стратегиялык принцип катары жатыш керек жана мекенибиздин ар бир атуулунун жана коомдук, мамлекеттик ишмеринин жүрүм-турумун ич жактан аныктаган этикалык эреже катары реалдуу түрдө жашаганда коомуздун ташы өйдө куламак.

XIX. АДАМКЕРЧИЛИК, ЖӨНӨКӨЙЛҮК, СЫЛЫКТЫК

Эпостун «Чоң Казат» бөлүмүнөн төмөнкү саптарды окуйлу:

Буту сынып басалбай, Онтогону мындан көп.

Колу сынып кокуйлап, Таңып алган мындан көп. Башы кетип жарылып, Кадик менен бурган бар.

Бир көзүнөн ажырап,

Сокур болуп калган бар,

Муну көрүп алганда,

Аярлыгын билгизип,

Акылы менен эр Бакай,

Сынган жердин баарысын,

Колуна алып бек кармап,

Арчадан шак-шак койдуруп, Таңып жүрөт эр Бакай.

Сынган жердин баарына Шак-шак тагып салды эми. Буту сынган мунжуйган Муну колго алды эми.

Шак-шак чаап бек байлап,

Таяк кылып ошондо,

Эки колтук сүйөнтүп,

«Жалга, Кудай», – деп байлап.

Ошо кезде эр Бакай

Мекеден алган ак дары,

Супкожо берген чоң дары,

Каныкей берген зор дары,

Оозунан берип ичирип,

Ооруларын тындырып,

Мына ошентип алды эми Атаңдын көрү дүнүйө.

Бул жерде баса белгилей турган негизги нерсе, келтирилген эпизоддон Бакайдын табыпчылыгынан да, анын бийик адамгерчилигинин, адамдык асыл касиетинин, ыймандык улуулугунун ачыкка чыгып отургандыгында. Баштарына эң оор кырсык түшүп турганда, Бакай жоокерлерге жардамга келип отурат. Бул не деген ажайып көрүнүш. «Жалга, Кудай», деп чын жүрөгүнөн тиленип, элеп-желеп болуп, жарадарларды дарылап жаткан Бакайдын гумандуулугуна, боорукер жапакечтигине, кишичилик карапайымдыгына таңгаласың. Бакай өзү Ажо Манастын кеңешчиси катары, Чоң Казат алдында жалпы эл хан шайлаган башчы катары аскердик жогорку жетекчи элитанын чөйрөсүндө жүргөн адам. Мына ушундай статусун жана даражасын таштап салып, катардагы дарыгерлерге кошулуп, жарадарларга жан далбастап көмөк көрсөтүп жүрүшү Бакайдын руханий айкөлдүгүн жана артыкча жөнөкөйлүгүн, бир сөз менен айтканда, көнүмүш чен-өлчөмдөргө сыйбаган инсандык оригиналдуулугун айгинелейт. Жамандык башка түшүп турганда, өз ата-энесиндей болуп, үстүнө үйрүлүп түшкөн Бакайды жарадар жоокерлер өмүр бою унутушпаган чыгар.

Эгер Бакай элдик адеп-ахлактын мыкты сапаттарын өзүндө топтоштуруп алып жүргөн каарман болсо, анда Бакай аркылуу кыргыз элинин адамкерчилиги, жөнөкөйлүгү көрүнүп жатат. Дегеле, ак калпак калктын адамкерчиликтүүлүгү, жөнөкөйлүгү, меймандостугу, кең пейилдүүлүгү жалаң эле өзүбүзгө эмес, бүтүн чет өлкөлөргө да маалым.

Адамгерчилик, жөнөкөйлүк жагынан биздин заманда айтылуу коомдук ишмер Корчубек Акназаров да бөтөнчөлөнгөн. Шаршен Темирханов К. Акназаровду төмөнкүчө эскерет: «Кечээ 70-жылдардын башында биздин  Жумгалда райкомдун биринчи секретары болуп Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров келип калды. Мына ушу кишини мен накта элдик киши деп айтар элем. К.Акназаровдон кийин биздин чоң жөнүндөгү түшүнүгүбүз өзгөрдү. Бу киши келгенде район уу-дуу болуп, адамга жасаган гумандуу мамилесин, өзүн жупуну, жөнөкөй кармагандыгын, карапайым адамдарга болушчаактыгын, жаны тынбаган мээнеткечтигин аңыз кылып жатышты. Резинка өтүк кийип алып, баткак кечип барып сугатчылар менен учурашат экен. Мындайды көрбөгөн жумгалдык башкарма уялганынан К. Акназаровдун артынан ээрчип, крым өтүгү менен суу кечиптир деп күлүп жүрдүк. Бир жолу К.Акназаров малчыларды кыдырып жүрүп кечке жуук бир боз үйгө кирип калат. Чабандын аялы астына нан коёт. Ал ашканаңызда мындан башка наныңыз барбы деп сураганда аял уялып ылдый карап: «камыр ачып калды эле, азыр жасап ием, өзөк жалгай туруңуз» – деп шашып калат. Анда К.Акназаров: «Бу токочуңузду мен аймап койсом, азыр кой кайтарып чарчап келген жолдошуңуз эмне жейт, ары алып коюңуз, рахмат» деп аттанып кетет. К.Акназаров Жумгалда көпкө деле турган жок. Кочкорго которулуп кетти. Кишиге жасаган нагыз мамилесине жетине албай биз анын айтканын эки дебей калган элек. Кеткенине өкүнүп калдык. Эмнеси болсо да К.Акназаров Жумгалга чарбачылык кылыштын да, жөнөкөй эмгекчи адамга адамкерчиликтүү мамиле жасоонун да таалимин көрсөтүп кетти». («Ала-Тоо» журналы, 1986, №4, 92-бет.) К. Акназровдун жүрүм-турумунан кыргыз насилиндеги адамкерчилик, жөнөкөйлүк сапаттар көрүнүп турат. Мындай мисалдарды уланта берүүгө болот.

Коомдук ишмер, 1980-жылдары Тогуз-Тородо райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген Жолдошбек Алышүкүров 1987-жылы районго Министрлер Советинин председатели Апас Жумагуловдун келгенин, анын опурулбаган сылык адам экендигин, айыл-чарба маселелерин талдап, кагып-силкпей керектүү кеңештерин бергендигин, башка кээ бир «ормон опуза» менен жүргөн ЦКнын, Совминдин текшерүүчүлөрүнөн кескин айырмаланган маданияттуу жүрүм-турумун эскерип келип, төмөндөгү окуяны жазат: «Жайдын толук кези. Июлдун аягында Жумагулов Апас келди. (Як-40 менен). Ал киши сугатты, тоют даярдоо, кышка даярдыктын жүрүшү ж.б. менен таанышып, аягында алтын комбинатты көрүп, анан жөнөмөй болду. Жумагулов Ак-Мойнок аркылуу өтүп, Ак-Талаа районун көрө кетмей болду. Жолдо булактын жээгине көбүргөн, ышкыны да бар экен, дасторкон жайылды. Мен минген УАЗ менен келип токтодук (мен, 1 секретарь, Жумагулов), түшө берерде Жумагуловдун шымынын чөнтөгү машинанын каалгасынын кармагычына илинип, шымдын капталынын тигиши эки карыштай ыдырап кетсе болобу. Эми эмне кылабыз? Райондун борборуна чаап барып, жаңы шым сатып келе койсомбу деп санааркай ойлонуп турсам, меймандын жөнөкөйлүгүн ушундан көр: «Эчтеме эмес, командировкада боло берет. Андан көрө жип, ийне алдыра кал, өзүм эле жамап коём»,– деди. Ошол жерде горняктардын 2-3 үйлүү жумушчулары бар эле, ийне жип, анан бир аялды алдырып келе калдык. Ага чейин тамактанып, ышкын, көбүргөндөрдү аралаштырып жеп болдук. Аңгыча Апас Жумагулов аялды кетирип жиберип, УАЗга кирип, олтура калып, заматта шымын өзү жамап, кийип алды. Ошентип, менин машинам менен жөнөп кетти. Биз белге чейин узатып келип, Совминдин төрагасынын жөнөкөйлүгүнө, мен чоңмун дебеген жупунулугуна таңгалып кала бердик. Ушул жөнөкөйлүгү  менен Жумагулов бизге чоң тарбия берген болучу». (Алышүкүров Ж. Ата мурасы жана асылдар. – Бишкек, 2000).

А. Жумагуловдун жөнөкөйлүгү анын ички маданияттуулугунан, тарбиялуулугунан, кенен акыл-эсинен чыгып жатат. 1930-жылдарда Мукай Элебаевтин «Адам ичинен наадан болсо, ал өзүн ошончолук эр көкүрөк сезет»,– деп айткан сөзү бар. Мындай типтеги адамга Апас Жумагуловдун альтернатива экендигин Ж. Алышүкүров туура жазган.

Сылыктык, ак сөөктүк, сыпаалык, гуманизм сапаттарына кыргыз ичинде мисалдар арбын. Сылык-сыпаа адамдын өзү улуу акын Тоголок Молдо болгон. «Сыртынан жупуну болсо да, ичинен өзүн куштай сергек, таза алып жүргөн киши болучу. Улууга да, кичүүгө да бирдей мамиле жасап, не сөз сураса да баласынтпай баарын кунт коюп чечмелеп, уккулуктуу добуш менен сүйлөп берчү» (Бексултан Кыдырмыш уулу). «Ашкере токтоо, сүйлөсө баптап туруп бир айткан, бирөөнү өмүрү какпаган, ар кимге жасаган кичик мамилесинен улам адамкерчиликтин улуу сапаты жатканын байкадым» (Алымкул Усөнбаев). «Дайыма сөздүн туурасын гана айтып, адамдарга сылык мамиле жасачу. Жетим-жесирге жан тарткан боорукер болучу. Өтө кичи пейил, элпек, ийкемдүү, адамкерчилиги бийик киши экенин атамды көргөн ар бир адам токтолбой айта алат» (Сапия Байымбет кызы).

Мына ушинтип улуу акын, гуманист, агартуучу жана тубаса педагог Тоголок Молдо өзүнүн нуска сөздөрү, насыяттары менен да, жекече жүрүм-турум үлгүсү менен да адамдарга адеп-ахлак тарбиясын берип сөз менен иштин биримдигин далилдеп, көпчүлүккө өрнөк болгон. Даанышман акындын этикалык асыл нарктары биз үйрөнүп, сактап, келечек муундарга өткөрүп бере турган казына.

Жеңижоктун үгүттөп жайылткан этикасы, аздектеген адеп-ахлак дөөлөттөрү, моралдык ишенимдери акындын рух маданияты терең, жан дүйнөсү айкөл, жүрүм-туруму кылдат гуманист адам болгондугунан кабар берип турат. Жеңижоктун реалдуу турмушта мактанып, көтөрүлбөгөн «Мен ал жакта баланча ырчыны минтип жеңгемин деп түк айтпаган, боюна карап, сыпаа жүргөн адам» (Малабек Шатман уулунун эскерүүсүнөн) болгон. Аялы Көксулуу «согончогу канабай» бала көрүүгө акын зар болуп жүрсө да, зайыбын башка эркектердей болуп кетирип жибербей, өмүр бою аны үлпүлдөтүп багып, сыйлап өткөн. Бул Жеңижоктун айкөл адамкерчилигин мүнөздөйт.

Дагы бир мисал. Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920) улуу акын гана эмес, даанышман агартуучу-педагог да болгон Нурмолдо класста  тактайдан жасалган  досканы жана  жазуу үчүн арчанын көмүрүн пайдаланган. «Ал тактайды кыбыла тараптагы дубалга мык  кагып илип, арчанын көмүрү менен ыр, табышмак, кошок, дастандан парча (үзүндү) жаздыртчу, окутчу», – деп эскерет окуучусу Токмолдо Чынаалы уулу.

Октябрь революциясынан  мурда жалпы эле Түркстандын мусулман мектептеринде окутуучу Молдо менен окуучунун ортосундагы мамиле көп учурда көйгөйлүү жана курч бойдон кала берген. Биздин чыгышта дегеле, деспотизм менен авторитардуулук ар качан күчтүү болуп келгендиги белгилүү. Феодалдык Түркстанда мектеп ар дайым авторитардуулуктун үстөмдүгү алдында тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Мынабу эле тоо арасындагы «боз үй мектебинин» ичине серп таштап көрөлүчү. Бул жерде молдолордун окутуусу жанагындай догматикалуу гана эмес, авторитардуу дагы.  Молдолор балдарга каалашынча өкүм-зордук кылып, тентек кылса, окуучуну чыбык менен сабап жазалаган. «Эгер сүрөөнү чала жаттап, жаңылыш окучу болсок, молдодон «чыбык» жечүбүз. Молдонун чыбыгы аз келгенсип, калпасы да сабоочу» (Копобаев Мүсүралы). «Абдыкул деген бала бирдемеге алагды боло түшүп, бир арипти унутуп, табалбай туруп калды. Молдо унчукпастан келип, жаака колу менен тартып жиберди. «Бачагар, эмне үчүн окубайсың?» деди. Абдыкул жаагын сыйпалап «мына муну унутуп калдым» деп жалооруду» (Бөрүбай Кененсарин). Молдолор кээде «күнөө» кылган баланы чечиндирип алып, чыбык менен жону көгөрүп, канталап чыкканча сабаган учурлар сейрек эмес болгон. Молдолор бир жагынан баланын денесинин молдонун, же ата – эненин чыбыгы, муштуму тийип көгөргөн жерлери тиги дүйнөгө барганда жылдыз болуп нур чачып күйөт, кокус тозокко түшүп калса, отко күйбөйт деген диний ишенимде да болушкан экен. Ошо кезде Түркстандын дээрлик бардык мечит-мектептеринде чыбык менен сабап жазалоо тартиби өкүм сүрүп турган. Мына ушундай шарттарда Нурмолдо имам жана мударис эрдик кадамга барган. Ал имам катары өзү башкарган жана мугалим катары сабак берген бардык мечиттерде балдарды чыбык менен сабоо тартибин алдырып салган. Ал ашкере сылык, жөнөкөй, акылман адам болгон. Нурмолдо балдарды чапмак турсун, орой сүйлөмөк турсун, аларга өйдө карап, үнүн көтөрбөгөн. Ал коркутууга эмес, шакирттердин уят-абийирине, өз алдынча акыл-эстүүлүгүн козгоп, ойготууга басым жасаган. «Жаманга айтылган сөз, кулагынын сыртында, жакшыга айтылган сөз, жүрөгүнүн бурчунда», деп акырын кыйытып айтып, тарбия берген. Жанагы дарс-саякат учурундагы Нурмолдонун жүрүм-туруму, балдарды өз үйүндө коноктогону, шакирттерин курбу-курдаштай көрүп, теңчилик менен кадырлап мамиле жасаганы акын, манасчымударистин окуучуну өзүнчө бир уруу журт катары көрүп, анын инсанын сыйлап, бүгүнкү чымчык эртеңки тынар, азыркы чырпык эртеңки чынар деп балага аяр, камкор карагандыгы туюлуп турат. Ошол эле Токмолдо устаты жөнүндө мындай деп эскерет: «Жооп кайтара албай калсак, унчукпай тим койчу. Ушунун өзү башка чапкандай тиер эле. Беттен албачу, такыбачу, урушпачу. Ушинткен сайын биз окууга кызыгабыз». Окуучулары мугалимин сыйлаганынан улам жакшы окууга аракеттенишчү тура.

Нурмолдонун мына ушундай башкаларга окшобогон педагогикалык жүрүм-туруму, балдарды өз жайына эркин койгон кенендиги, инсанын маданияты үчүн шакирттери аны терең урматтаган. Кийин атынан айтышпай Нуракебиз деп эскеришкен. «Бир гана сиз мен үчүн, баарысынан жакыным», деп окуучусу Жеңижоктун Нурмолдону төбөсүнө көтөрүп отурганы мына ошондон.

Адамкерчилик, жөнөкөйлүк, сылыктык жагынан улуу адамдар гана эмес, катардагы элеттик карапайым инсандар да өзгөчөлөнөт. Ысык-Көлдөн медайым Замира Тойгоналиева төмөндөгүнү эскерет: «Энемдин аты Сакай. Көп балалуу экенине карабастан, балдарына колу тиймек турсун, бирибизди «сен ай» деп катуу айтпаган, мүнөзү жибектей созулган, кичине бойлуу, үнүн катуу чыгарбаган жан эле. Ата-энем болсо мал багып көбүнчөсү жайлоодо, кыштоодо боло турган. Алардын арты менен жайлоого көп бардым. Азыр эстесем, жыргалдын жыргал кези экен. Эртең менен шаркырап аккан суунун шарынан ойгончубуз. Жылуу төшөктөн тургубуз келбей жатсак «а-ай, тургула, аталуулар алты, энелүүлөр эки тойду» деп коюп, энем акырын кирип-чыгып жүрө берчү. Биз болсо узунунан салынган төшөккө жатып алып, ичинен жөн жатпай «жылдыз көрдү» ойнойбуз. «Чай ичебиз, ким турбаса, каймак жебейт» деп айтканда гана секирип турабыз. Энем жаңы тартылган каймакка шекер, талкан аралаштырып, сонун таттуу жасап берчү бизге. Азыр да таңдайымда даамы турат. Ошондой таттууну эч жерден жей элекмин. Кечкисин мешке асылган казан толтура кийиктин этин кууруйт. Азыркы даам берүүчү кошулмалар ал кезде жок, бирок ошол таттуу куурдакты канча той, жакшылыктарга барсам кезиктире элекмин. Тамактан соң, энем биздин көйнөк, байпактарыбызды жамачу. Биз анын маңдайына тизилип отуруп алабыз, «жомок айтып бер» деп. Анан ак көңүлү кармаганда бизге сонун жомокторду айтып берчү. Шамчырактын жарыгында, кийим тигип отурган апам бизге сыйкырчыдай эле сезилчү. Жомоктогу каармандарды бирде түлкү, бирде аюу болуп үнүн окшоштуруп туурап, бирде жезкемпир болуп кебетесин келиштирип сүйлөп берчү… Биз кээде коркуп, кээде каткырып отуруп укчубуз. Анан аягында «кыз адептүү болот, чачы-башыңарды тыкан өрүп, таза жүргүлө. Адепсиз, жүдөгөн кыздарды күйөө албайт. Эркек балдар тыштагы оокатка бышык болгула, малды жакшы кармагыла. Эжелериңерди, карындаштарыңарды коргой турган силерсиңер. Жакшы окусаңар – жер көрөсүңөр, эл көрөсүңөр» деп айткандарын азыр ойлоп отуруп, энем бизге турмуш деген академияны окуткан тура деп ойлоп калам. Бала чакта тоодо, жайлоодо көп жүргөндүктөнбү, азыр тоо-ташты көрүп калсам, дароо ата-энем оюма келет. Кандай жүрсөк да бизди ээрчип сыртыбыздан колдоп, көз болуп, дайыма жамандыктан коргоп жүргөндөй сезилет.» («Асман» газетасы 1-май, 2014-жыл). Караңызчы, айылдык жөнөкөй адам Сакай апа өзүнүн мээримдүүлүгү, сылык-сыпаа үлгүлүү жүрүм-туруму, даанышмандыгы менен балдарын кандай тарбиялаган. Сакай апа балдарга кургак мораль окубаган, өзүнүн сергек, кылдат, нарктуу мамилеси менен тарбия берген өзүнчө бир залкар педагог болгон экен.

Адамкерчилик, жөнөкөйлүк, сылыктык жана башка нарктуулук сапаттары жагынан Миталип Мамытов да көпчүлүктүн купулуна толгон инсан. Ал врачтык кесипкөйлүк жагынан гана эмес, эң негизгиси адамдык касиеттери жагынан өзгөчөлөнөт. Миталип аба качан болсо да жөнөкөй, даражасы бийик болсо да, качан болсо өзүн жупуну кармаган, сылык-сыпаа мамилени биринчи планга койгон, сыркоолорго сергек, жапакеч, боор толгоп чын пейилинен агадай, атадай мамиле жасаган, кишичилиги жогору нарктуу, дарыгер. Анын жеңил колунан айыгып чыккан адамдар М.Мамытовдун адамкерчилигине жетине алышпай алкап турушат. Жан дүйнөсүнүн асылдыгы менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан академик Миталип Мамытовдун нарктуу жүрүм-туруму жалпы журтубузга өрнөк. Ага Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам бекер жеринен берилген эмес. Кыргызда асылдыгы менен айырмаланган адамдар санай берсе көп. Мындай адамдар улуттун адептик жүзү, наркттуулуктун гүлү.

  1. ЖАМААТЧЫЛДЫК (коллективизм)

1

Биздин элдин минталитетинде индивидуалисттиккоммерциялык жана технократиялык дүйнө жоготуп, таппай калган эң мыкты сапат-касиеттер бар. Ошолордун бири – коллективизм жамаатчылдык, коллективисттик психология Манас бабабыздан бери карай келе жаткан кыргыздын жан дүйнө касиети. Коллективдүүлүк, жамаатчылдык, орусча айтканда, собордуулук индивидуалисттик принципти кармаган Европа үчүн бүгүн кыйла эле чоочун болуп калган. Ал эми бул касиет биздин стихиябыз жана «каныбызда» жашайт. Бүгүнкү дүйнөдө жоголуп бараткан мындай коллективисттик улуу руханий касиетти сактап калуу жана өзүбүз менен кошо ала жүрүү кыргыз менталитетинин саламатчылыгын аныктаган көрсөткүчтөрдөн болмок.

Кыргызстандык Инна деген студент кыз Европанын алдыңкы деген өлкөсүндөгү бир үй-бүлөдө бир жыл аралашып жашап келип, «Слово Кыргызстана» газетасына мына мындай фактыны келтирип жазды. Бир күнү атаэнеси жокто үйдүн кичинекей балдарын кожоюндун аялы Таранын бир тууган сиңдиси Джойс көз болуп карап турат. Кечинде Тара жумуштан үйүнө келип, балдарын карагандыгы үчүн сиңдиси Джойско акы төлөп, долларын санап берет. А сиңдиси болсо эжесинин эмгек акың деп бергенин табигый нерседей эле кабыл алып, кенебей гана чөнтөгүнө салып коёт. «Андан кийин да эжеси синдисине чүрпөлөрүнө көз болгондугу үчүн бир нече күн дыкаттык менен ошентип доллар төлөп жүрдү» деп жазат Инна, өз ара мамилелердин коммерциялашып кеткендигине таң калуу менен.

Биздин кыргыз чөйрөсүндө Инна жазып олтургандай жорук-жосун дегеле, илгертен болуп көргөн эмес. Кыргыз жамаатында бир туугандар түгүл, жөн эле кошуна-колоңдор өз ара жардамдашкандыгы, каралашкандыгы үчүн бир-биринен акча албайт. Баласын карап тургандыгы үчүн бир тууган бир тууганга акча төлөйт деген нерсе кыргыздын түшүнө да кирбейт. Биздин тоолук элибизде адамдар, жакындар, боордоштор илгертен бири-бирине агыл-төгүл мамиле менен акысыз көмөктөшүп (мисалы, бир эле «Ашар» салтын эске түшүрөлү), акчасыз арка-жөлөк болушуп, бири-бири үчүн, керек болсо кымбат, ыйык нерселерин курман чалып, жамандык-жакшылыкта чырмалыша бирге туруп, жан дүйнөнүн айкөлдүгүн, пейилдин кенендигин, өз ара алакалардын адамкерчиликтүүлүгүн, гумандуулугун   айгинелеп турушат. А түгүл, бүгүнкү күндө агасы иниси үчүн, сиңдиси эжеси үчүн, энеси баласы үчүн, баласы апасы үчүн ооруканада трансплантация учурунда бөйрөгүн берген учурлар аз эмес.  Ошон үчүн кыргыз баласына карата «кызыкпагын акча менен алтынга, кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, бекем турган адамчылык шартына» деген залкар ыр саптары  жаралган. Кыскасы, бир сөз менен айтканда, кыргыз калкынын менталитети өзүнүн күчтүү ыймандык-руханий  башталмалары менен айырмаланат десек эч жаңылышпайбыз. Белгилүү окумуштуу, кытайлык боорлошубуз Макелик Өмүрбай кыргыз социумунун өзгөчөлүгү жөнүндө минтип жазат: «Кыргыз адамгерчилигинин ыңгайлары: өз ара көмөктөшүү, өз ара  кайрылышуу, боорукерлик, сыйлашуу, меймандостук болгон». («Алиби» газетасы 29.05.2013).

2

Ушул китептин автору мен 1950-1960-жылдарда, бала кезимде элеттик айылдардагы көп көрүнүштөргө күбө болгом. Маселен, айылдагы бир үй-бүлө алыстагы тууганына алып баруу үчүн атайылап бозо салат, жолго камынат. Ошол бозо эртең менен эрте сүзүлүп жатканда, айланадагы кээ бир эркектер салам айтып, үйгө кирип келишет. Алардын көздөгөнү бозо. Буларды келгиле деп эч ким чакырган эмес. Бирок айылдагылардын бири-биринин үйүнө чакыртпай кирип-чыга бериши элетте салт катары. Кишилердин  капыстан бирөөнүн үйүнө кирип келишин эч ким өөн көрбөйт эле. Мына ошентип, үй ээлери келгендерге атайы бир жакка алынып бара турган бозону куюп бере баштайт. Бир аяк бозону тартып жиберип, рахматын айтып, бирөө чыгып кетсе, экинчиси кирип келет. Акыры бир челек бозо ичилип бүтүп, эчтеке калбай калат. «Ой айланайындар, бул бир жакка алпара турган бозо эле» деп, үйдүн эркеги же аялы келгендерге айта албайт, уялат. Үйгө кирген кишиге даам ооз тийгизбей коюу наркта жок нерсе. Адамкерчилик наркты сактоо, уятты сактоо бардыгынан жогору. Бул бирөөгө арналган бозо деп, бербей коюу чектен чыккан нерсе болмок. Минтүү өз ара мамилелердеги бир назик, кымбат нерсени бузуп алууга тете эле. Келгендер бул тамактын бирөөлөргө арналгандыгын билбейт. Алар үй ээлеринин даам берип, чөйчөк сунарынан эч шек кылышпайт эле. Үйгө кирген кишиге даам ооз тийгизүү – эл ичиндеги жазылбаган мыйзам. Бул мыйзамды эч ким бузчу эмес.

Жайлоодон кымыз артынып келе жаткан адам жол боюндагы орокчуларды же сугатчыларды көрмөксөн болуп өтүп кете албайт. Ал атынан түшүп, бир чанач кымызын орокчуларга же сугатчыларга сөзсүз жуткузат. Бирөө там салып жатса, өтүп бараткан адам, кайрыла калып, бир-эки кирпич алып берип, анан жолун улар эле. Тоодон кийик атып келе жаткан мергенчи алдынан бирөө чыгып, «шыралга» десе, ага кийиктин этинин бир жилигин сөзсүз берет эле. Кышында кыштакта бирөө согум сойсо, ал айыл-ападагы аксакалдарды, байбичилерди чакырып, сөзсүз согумунан ооз тийгизчү. Дагы бирөө согум сойсо, ал да ошентчү. Кыскасы, 50-60-жылдары айылдагы кыргыздардын жан дүйнө касиети, уяты, пейили ушундай эле. Ушул жагдайга байланыштуу 1970-жылдарда Жумгалдагы Кайырма айылынын тургуну, Эмгек Кызыл Туу ордендүү чабан Шаршен Темирканов айтылуу «Ала-Тоо» журналына мындайча маек берген: «Чынында эле, айылыбызда сакалын стаканга малып, аракты шыңгыткан карыларыбыз да болбой койгон жок. Бирок деген менен эски кишилерибиздин көбүнүн адамдык наркынын мыктылыгына күмөн кыла албайсың. Мына мен кичинекей бала чагымдан тартып Шаршеке, Ысак, Маамыт, Ороз уулу Ниязалы, Адыш, Абыкан, Турдуналы, Эсенаалы, Алымкан, Ырапыс, Калбүбү, Маадан, Шаарбүбү, Кокел, Бостон уулу Садырбек, Зейнеп, Алмадай сыякттуу колхозду курушкан адамдар менен аралашып жашап калдым. Ушулардын баарынын көзү өтүп кетти. Бирок мен ушу кишилердин бир дагы жаман жорук-жосунун көргөн жокмун. Не деген аруу кишилер эле, жарыктыктар. Ошондой эле азыр көзү тирүү турган Момунаалы, Жолдошалы, Салейдин, Сарымай, Какан, Оңол, Коюсун, Шекер, Маржаке, Алыйман, Турганбүбү өңдүү колхозго эмгеги сиңген кишилер не деген асыл адамдар. Ушу күнгө чейин бу кишилердин антиптир, тигинтиптир деген бир жаман кылыгын уга да, көрө да элекмин. Бу кишилер турушу менен абийирдин, ар-намыстын, уят-ыймандын өзү го. Биз чындап киришип, ушу кишилердегидей уяттуулукту азыркы жаштарыбызда да тарбиялашыбыз керек». («Ала-Тоо» журналы, 1978, №3, 86-бет)

Тилекке каршы, буга чейин цивилизация али бузууга үлгүрбөгөн биздин дал ушундай руханий маданиятыбызды Ала-Тообузга капыстан ажыдаардай сойлоп кирип келген капиталисттик акча-товар мамилелери түбүнөн жемире баштады.

Бирок биз мындайча ойлонуп турабыз. Рыноктун катаал шартында биз кыргыздар өзүбүздүн менталитетибиздеги жогорудагыдай артыкчылык касиеттерибизди аңдап сезип, ата бабабыздан келаткан адамгерчиликтүү адеп-ахлак наркыбызды этияттап сактап, коргоп, өнүктүрүп, чет жактын прагматикалык, коммерциялык нравасын туурабай, ээрчибей, массалык маданияттын ар кандай терс таасирлерине улуттук акыл-эстин тосмолорун коё билип, стихиянын бийлигине моюн бербей, рух турмушубузду аң-сезимдүүлүк менен   уюштуруп, муундарыбыз үчүн улуттук платформага негизделген өзүнчө бир тарбия системасын түзүп, күрөш менен   жашасак, жан дүйнө экологиябыз бузулбай, алга барар белек. Базар мамилелеринин заманында жалпы шар менен ойлонбой томолонуп кете бербей, агымга каршы сүзүп, көрсөткөн көмөгү үчүн бир тууган бир туугандан сатуулашып акча албаганга аң-сезимдүү түрдө умтулуп, жан дүйнөбүздү «сөксөөл» кылып, куу чегедектей кууратып албай, кыргыздык   наркыбыз менен калууну ар бир кыргыз мүдөө тутуп, өмүр сүрсөк, өз алдыбызча   улуттук жүзүбүздү сактап калбайт белек. Эгерде биз капитализмдин, рынок коомунун жолуна түштүк деп эсептесек, анда Ала-Тоодо адамдык, адептик-ыймандык жүзү бар (капитализм с человеческим лицом), гуманисттик, маданий наркы терең коомду курууга милдетүүбүз.

Буржуазиялык мамилелер жана капиталисттик система илгертен бузуп бүлүндүрбөгөн, байыркы Ала-Тообузда сакталып келген жана бүгүн да көрөңгөсү жоголбогон кыргыздын жогорудагыдай жамаатчыл, коомчул, коллективчил, жоомарт, адамгерчиликтүү адеп-ахлагы дүйнөнүн рухий-адептик маданиятындагы жаркын кубулуш жана мындай асыл руханиятты коргоо жана сактоо кыргыздын гана эмес, жалпы адамзаттын милдети.

3

Албете, жеке эркиндик да, жамаатчыл сапат да коомго керек. Жеке турмуш жөнүндөгү масселеге келгенде улуу акын Токтогулдун төмөнкү ой-пикири эске түшөт. Кеп мында. Акын үчүн бу жарыкчылыктагы жашоо, өмүр, тирүүчүлүк деген нерсе эң кымбат кенч. «Тирүүлүк, жашоо деген кайталангыс дагы, кызык дагы, өзүнчө бир керемет («Өмүрүңдүн ичинде, өлбөгөнгө бир кызык»). Ошол тирүүчүлүктө пенде баласы ырахат, жыргал көрүп, бактылуу-таалайлуу болуп, өкүнбөгөндөй өмүр сүрүш керек, антпесе бу дүйнөгө туулуштун кажети не?» – дейт Токтогул. Бир күнү күрүчтөй болгон тишиңди чага турган, карайлатып тунартып, көздү алган, айткан сөздү угузбай, кулакты алган, тик бастырбай бөкчөйтүп, тизени алган» карылык келет. Анан «кара чым басып денеңди, каларсың жердин жайында», ошон үчүн жаштыгыңды баалай билгин да, убакытты бекер өткөрүп жиберип, кайрылып келбес өмүргө өкүнүп калбай, аз күнчөлүк жашоодо жыргап-куунап, ойноп-күлүп ал деген акыл-кеңешти тартуулайт акын. Маселен, кыздарга ал мындайча кайрылат:

Кадыр, көңүл бар чакта,

Ойногула, кыздар ай,

Кайрылып келбейт өмүрүң,

Ойлогула кыздар ай,

Ойной албай, күлө албай,

Ойногонду биле албай,

Кайран жашты картайтып, Койбогула, кыздар ай!..

(«Гүлдөп ал» ырынан)

Көрүнүп тургандай, адамга карата жасаган мамилесинде Токтогул өзүнүн  демократизми терең гуманизми менен өзгөчөлөнүп турат.

Дегеле, Токтогул башка акындарга караганда өзүнүн чыгармачылыгында адамдын жекече бактысына, пенденин жашоодо жанагыдай кызыкка, жыргалга, рахатка тунуп, өзгөчө, гүлгүн доорун армансыз күлүп-жайнап, шатыра-шатман өткөрүү маселесине көп көңүл бурган. Бул жагынан Токтогул этиканын тарыхындагы гедонизмди (сезим рахат-жыргалы) үгүттөгөн байыркы грек ойчулу Эпикурга окшоп кетет. Сибирдин каардуу каторгасынын тозогун көрүп, өлүмдүн, ажалдын оозунан кайра кайтып келген акын өмүрдүн баркын чындап түшүнгөн сыяктуу.

Бирок да Токтогул даанышман ошол ырахат-жыргал, ойноп-күлүү акыл-эстүүлүктүн, адептүүлүктүн чегинде болгондо гана, мындайча айтканда, жеке жыргал жалпы жамааттын жыргалы жөнүндө ойлонуу жана кам көрүү менен айкалышканда гана маани-маңызга ээ болмок. Ошол үчүн Токтогулдун этикасында өзүнчө жыргап өмүр өткөрүү идеясы жалпынын кызыкчылыгына кызмат кылуу идеясын үгүттөө менен дайыма коштолуп турат («Жаш кезиңде жаркылдап, калкыңа тийгиз керегиң», «Эмгек этип жашыңдан, элге жаксаң эң кызык», «Эрдин көркү – эл  менен, эмгегиң  менен элге жак», «Жакшы адам белгиси – эл камы үчүн күйүнөт»).

Бир сөз менен жыйынтыктап айтканда, өзүнүн жүрүмтурум адебине өзүмдүк менен коомдукту (личное и общественное), жекелик менен жалпылыкты айкалыштыра билүү – мыкты адам болуп жашоонун жолу. Токтогулдун адеп-ахлак даанышмандыгы жогорудагы Арстанбек менен Жеңижоктун жамаатчыл этикалык философиясы менен үндөшүп турат.

Кааласам жалгыздыкты, Чанбаймын жалпылыкты. Болбосом жеке, жалгыз, Кусадан ооруп калам.

Жамааттан ажырасам, Мен чөптөй соолум калам. Экөөнөн азыктансам,

Дайрадай толуп-ташам.

Жалындап күйүп-жанам!

XXII. КАЙРАТТУУЛУК

Кайрадан улуу акын Токтогулдун адеп-ахлактык дүйнөсүнө кайрылып, андагы таалим – сабакты көңүлгө түйөлү. Бул таалим-сабак жөнүндө дароо кепке өтүүдөн мурда XX кылымдын 60-жылдарында маданий-театралдык турмушта болуп өткөн бир окуя-эпизодду эске түшүрүүгө туура келет.

Актёр жана белгилүү драматург, маркум Бакы Өмүралиевдин төмөнкүдөй деп эскергени бар. Борбордогу кыргыз драма театрында Токтогул жөнүндө «Акындын үмүтү» аттуу драма коюлуп, Токтогулдун ролун ал кездеги жаш актер Бакы Өмүралиев аткарат. Б.Өмүралиевдин өзүнө сөз берели:

«Бөтөнчө мен Токтогулдун Сибирден качып келип, азиз болуп калган энеси Бурмага жолуккан жеринде толкунданып, жаш чыгарып, чыны менен эле толук берилип аткардым. Ал эми эл чогулуп, уулу Топчубайдын өлгөнүн угузганда, токтоно албай, ого бетер шолоктоп ыйладым. Көрүүчүлөр үн чыгарбай дымып отурушат. Спектакль бүттү. Театрга келген эл актёрлордун ойногонуна ыраазычылык билдирип, көпкө кол чабышты. Башкы каарман, эл акыны Токтогулдун ролун ойногонго  эдиреңдеп, кубанычым ичиме батпайт.

Кийинип сыртка чыксам, Муратбек Рыскулов ары-бери басып турган экен, ээрчишип Дзержинский бульварын аралап бастык.

  • Ии, оюңда кыйраттым деп турасың го, – деди Мукем. Мен дароо сууй түштүм.
  • Эмне, коломтосунун башынан карыш жылбаган жаман кишилерче, бырбыктап ыйлайсың?.. Сенин ыйың кимге керек?.. Ыйлап койсоңор эле кыйын актёрбуз деп жүрсөңөр керек, деги ыйлаак актёрлор көбөйүп кетти. Токтогул эл-жер көрүп бышып чыйралып, ааламдагы саясий чоң окуяларга каныгып келген адам. Текстинде:

«Кейибеймин кеткенге, Өкүнбөймүн өткөнгө.

Мен ыраазы болоюн

Эл-журтума жеткенге»

  • деп жатпайбы, Токтогулдай элдик адам эл көзүнчө ыйлабайт. Ошондой шартта көзүңдөн салаа-салаа жаш чыгаргандын ордуна, ичиңден түтөп, сезимиңе эрк бербей, өзүңдү бекем кармап, чымырканып турсаң көрүүчүлөргө, ыйлаганыңдан алда канча күчтүү таасир бермек. Трагедия, драматизм көз жашта эмес, ролдун мазмунунда» (Китепте: М.Рыскулов 53-54 бет, 1980-ж.).

Бул эскерүү-мисалдан улам айталы дегенибиз эмне? Айталы дегенибиз, улуу актёр Муратбек Рыскулов өзүнүн жаш актёрго айткан сынында сахнадан көзүнүн жашын агызып ыйлаган жашык Токтогулду эмес, духу, эрки күчтүү, кайраттуу Токтогулду көрсөтүүнүн чындыкка туура келерин баса белгилеген. Ал эми жаш актёр болсо, сынды туура кабыл алып, Токтогулду бошураак, жашыгыраак кишидей кылып ойноо жөндүү болбостугун ичинен туюнуп, өзүнчө жыйынтык чыгарган.

Чындыгында эле Токтогул реалдуу жашоодо Муратбек Рыскулов айткандай, өмүрүндө чоң саясий окуяларга аралашып, турмуштун катаал кыйын-кезең мектебинен өтүп, бышып чыйралган, жердигинде ичинен таштай бекем, эр адамдын көктүгү бар, эрки чымыр, кайраттуу инсан болгон экен. Эгерде ушундай мүнөздөгү адам болбосо, Токтогул жанагыдай Сибирдин каторгасынын киши баласы чыдагыс, өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу дегендей азап-тозокторун, уруп-сабоолорду, моралдык басынтууларды, качып келе жаткан узак жолдогу көргөн кордуктарды, жалгыз баласы Топчубайдын өлүп калышына, аялынын башка эрге тийип кетишине жана жалган жалааларга байланышкан оор психологиялык күйүттөрдү жана каардуу тагдыр соккуларын көтөрө албай өлүп калышы да мүмкүн эле.

Токтогул менен бирге Сибирге айдалган далай кыргыздар азапка чыдабай өлүп тынышкан: «Бирге келген жолдоштор, боз топурак басып жоголду» – («Жолдош болбо жаттарга» ырынан). Акын туткун замандын, бийликтин адилетсиздигине, ырайымсыздыгына туталанып, кээде буркурап ыйласа да, баары бир ичинен бекем, өжөр, багына турган түрү жок. Түрмөдө колу-бутундагы кишенди шалдыратып отурган Токтогулдун өзүнүн сөзүн тыңшап көрөлүчү:

Аркан салып мойнума,

Кара дарын курса да,

Кайран тилим жаңылбайт,

Падышаң карап турса да,

Каптатып дайра бурса да,

Төрөңдү төрө дебесмин,

Бешенемде турса да, Баш ийбеймин өлгөнчө, Бетимди тилип урса да. Карайды жаным ушундай, Каныма тоюп жутса да.

Мына ушинтип, Токтогул өзүн төбөсүнөн баскан жамандыкка карата ичинен бекем тиштенип, көгөрүп, тырыша карышып, намыстана тикесинен турган. Акыры Токтогул  турмуштун азап-тозокторунун, катаал басмырлоолорунун кучагында жүдөп, чүнчүп, майышып, уйпаланып жок болуп кетпей, кыямат кыйын-кезеңдерге кайыша чыдап, өлөрмандык менен моюн бербей, тагдырдын соккуларына туруштук берип, эл-жерине аман-эсен кайтып келип, мындан соң жалгыз уулунун өлүмүнөн улам чыккан кайгы-касиретке да алдырбай, мүңкүрөбөй, («Кайгысына өлүмдүн, картайсам да көнбөдүм» – «Көңүл айтуу» аттуу ырынан) башын жогору көтөрүп «кейибеймин кеткенге, өкүнбөймүн өткөнгө» деп, замандаштарын жаркын келечекке чакырып, оптимисттик ырлары, акылман насыяттары менен калайык-калкына жөлөк-таяк болууну уланткан.

Токтогул акын бизге кыйынчылыктарга багынбаган этиканы үйрөтөт. Акындын өмүр өрнөгү-жогорудагыдай рухий каармандыгы, нравалык эрдиги, майтарылбас эрк-кайраты, азат болуу үчүн, жашоо үчүн өжөр күрөшү – биз үчүн табылгыс сабак. Эгерде бүгүн биз – Ала-Тоонун жарандары турмуштун кыйын-кезең сыноолоруна Токтогулдай майышпас, Токтогулдай эрктүү, кайраттуу боло  билсек, эл-жерибизди Токтогулчасынан сүйсөк, анда кризистен да чыгабыз, экономикабыз да гүлдөмөк, эгемендүүлүгүбүз да чыңдалмак, эртеңки келечегибиз да ишенимдүү болмокчу.

XXIII. ЭЛДИК ДИПЛОМАТИЯ

Адамзат коомундагы инсандар аралык жана жамааттар аралык мамилелер дайыма чайпалып турган, көбүрүп-жабырып толкуп турган өзүнчө бир стихия го. Бул стихияда калагыңды абайлап кадам шилтешиң керек. Өз ара мамилелердин  толкуган океанында кээде астыңа заңкайган муз аскасы туруп калат. Муз асканы жарып өтөм деп өжөрлөнүп, сүзгүлөсөң кайыгың кыйраар. Айлакерлик асканы сүзгүлөөдө эмес, аны айланып өтүүдө турат.

Кээде муз аска төгүлгөн мээримиңден эрип кетиши да мүмкүн. Ачкычын тапсаң, катууну жумшак менен жеңишиң этимал.

Бирөөнүн айылына жуучу болуп барсаң, үй ээсине «кызыңды келин кылып алалы деп келдик» деп түз айткандан көрө, сөзүңдү «Манастагыдай»:  «Каз баласы сенде бар, кара ылаачын менде бар, куу баласы сенде бар, куу ылаачын менде бар» – деп айлалуу баштасаң, кебиң өтүмдүү болбой койбос.

1

Кыскасын айтканда, адамдык алака – катыштардын дүйнөсүндө мамилелешүүнүн ачкычын таба билүүгө үйрөнгөн, байкабай туруп баспаган, билбей туруп шашпаган, татаал түйүндөрдү кылдаттык менен чечкен, кээде артка чегине билип, кыйын кырдаалдарды «камырдан кыл сууругандай» жайгаштырып, ортого данакер болуп, коомдо ар дайым позитивдүү роль ойногон тубаса дипломат инсандар болот. «Манас» эпосунда ошондой таланттардын бири бул – Бакай. Бакайдын мындай артыкчылыгын айланасындагылардын бардыгы моюнга алат: маселен, кырк чоронун бири Бозуул «ажырап кетер кезинде, абакем Бакай эптеген», деп ылакап кеп кылып айтса, ал эми Манастын өзү болсо, «акылга дыйкан өзүңүз, ар качандан бир качан, насаат бизге сөзүңүз, көрүп турат көзүңүз, калба катуу бар жерде, так ушундай тар жерде, дары болгон сөзүңүз», деп Бакайдын өзүнө чын пейилинен айтып турат. Кыскасы, бекеринен ал эпосто «айрылганды эптеген, бузулганды кураган, үзүлгөндү улаган», деп мүнөздөлгөн эмес.

Чынында, бул Манасчынын гана кооз сөзү эмес, мындай мүнөздөмө Бакайдын сюжеттеги реалдуу жүрүм-туруму, конкреттүү иш-аракети менен бекемделет.

Адамдардын ортосундагы мамилелерде атаандаштык деген нерсе бар. Бул негизи жакшы нерсе. Бирок атаандаштык деген нерсени бийлик-байлыкка кумарлануу, өзүнө сын көз менен карабаган жеке амбиция, өз күчүн ашыра баалоо, «асмандагы айды алууга» атаан кылып менменсинүү, көралбастык, ич күйдүүлүк сыяктуу илдеттер коштоп алса, анда андай атаандаштык, акыры, кайгылуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Тилекке каршы саналып өткөн ушул терс көрүнүштөр, образдуу айтканда «көөнү бузук» атаандаштык адам баласынын табиятына илгертеден таандык болуп келет. Пенде жаратылышына мүнөздүү бул кунарсыздык адамзат балдарынын тарыхында далайлаган драмалык окуялардын жана кандуу кагылыштардын себепчиси болгон. Адам жамаатына мүнөздүү  ушундай «мыйзамченемдүүлүк» Манас заманында да өзүн көрсөтүп, «баш көтөрүп», көрүнөөгө чыгып келбеспи.

Жанагы «он эки хандыктагы» Манастын айрым вассалдары бир күнү ниеттери бузулуп, өздөрү такка отургузган жогорку өкүмдарга атаандашып, ага көз артышып, анын ийгилигин, биринчилигин көрө алышпай, жок шылтоолорду таап күнөөлөшүп, Ажону чаап, кереге-уугун кыйратыш, келин-кызын ыйлатыш үчүн кол курап (С.Каралаевдин варианты), Таласка аттанышат.  «Алты хан» тыштагы калмак-кытай сыяктуу азуулуу жоого айбат көрсөтүп, өздөрүнө бел, туу болуп турган Манастын стратегиялык ордун унутушат. Ичтеринен бузулган алты хандын аскерлери менен Манастын аскери Таласта бетмебет келип, кан төгүлө турган болот.

Боордош түрк журттарынын ичинде өрт чыгып, ички ынтымак ыдырап, туруктуулук бузуларына, ошондой эле Алмамбет, Чубак, Сыргак баштаган кырк чоронун «көтөрүлүшчүлөрдү» быт-чытын чыгарып, ташын талкан кылып коёруна көзү жеткен Бакай шашылып ортого түшүүнү чечет.

Бакай Манас менен алты ханды (Жамгырчы, Көкчө, Үрбү, Санжыбек, Музбурчак, Төштүк), бетме-бет жолугуштуруп сүйлөшүүнү, баарлашууну сунуш кылат. Бакайдын сөзү эки болбой, бул жумуш жүзөгө ашырылат. Натыйжада, келип чыккан конфликт, акыры, өз ара түшүнүшүү, жарашуу, элдешүү, чай үстүндө ынтымакташуу, алты хандын өз жаңылыштыктарын туюнушу, жана да Манастын туусу астында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир муштумга биригип, «Чоң Казатка» аттануу бүтүмү менен аяктайт.

Бир сөз менен корутундулаганда, Манас менен «алты хандын» ортосунда келип чыккан конфликттин өртүн өчүрүүдө Бакайдын азыркыча айтканда, диалог саясаты иштиктүү роль ойноп, тирешкен тараптардын жанагинтип жарашуу келишимине келип, мунун натыйжасында, «он эки хандыктагы» түрк калктарынын стратегиялык биримдиги сакталып калган.

2

Бээжинге бараткан чоң жолдо, Чоң Казат жүрүшүндө

Манастын ишенген, таянган эки чоросунун – Чубак менен Алмамбеттин ортосунда чатактын  чыгышы, аскер ынтымагына урулган оор сокку болорун илгиртпей түшүнүп, Бакай ортодогу жараканы бүтөөгө шашты. Бакайдын ошол учурдагы Чубакка багыштаган акыл-кеңешинин логикасын кармап, улап, ыр саптарына айлантсак, анда акылмандын төмөнкүдөй насыяты кулагыбызга  угулар эле:

О жигиттер, бирикпей бириндебе, Ыкташкан ынтымактан кийиндебе. Келишкин, келишимден кут табасың, Өзүңдү өйдө санап, кыйын дебе. Өзүңө жалган элес куруп алба, Көгөрүп бир чекитте туруп алба.

Талашта жаңы гана түп байлаган, Тамырды ачууң менен жулуп алба.

Жөнү жок жөөлөшкөнгө көнүп алба, Жөн жүрбөй ырыскыңды төгүп алба. Эссиздик ээликтирген эрегиште,

Ээ балдар, эртеңкиңди көмүп алба!

Бакайдын Чубакты акыл-эске чакырып, кылдат сөздөрү менен ортого түшүшү эки баатырдын чатагынын өз учурунда басылышында жана экөөнүн жарашып ынтымакка келишинде чоң роль ойнойт.

3

Бакайдын карама-каршылыктуу, түйүндүү, чыр-чатактуу жагдайларды жайгаштыруучу, жөнгө салуучу ролун көрсөткөн эпизоддор, окуялар санай берсе, «Манаста» арбын. Бакайдын өзгөчөлүгү−акыйкаттын балансы бузулган жерде ал чындыкты чырылдап айтып  чыгат жана аны коргойт. Бакай үчүн чындык, акыйкат Манас досунан да жогору турарына төмөнкү чатактуу окуя да күбө өтүп турат.

Азыркы тил менен айтканда, Манаска оппозиция болгон алиги алты хан Таласка эскертүү кат менен элчилерин жиберишет. Каршылашып кагылышууну көздөгөн алты ханга Манас катуу ачууланып, кызматчыларына буйрук берип: «Абактыга жапкын деп, акылын минтип тапкын деп, ачкадан жатып өлсүн деп, акыретти көрсүн деп», алты элчини абактыга каматып таштайт (Шапак манасчынын варианты). Муну угуп, «элчи менен жуучуга өлүм жок» деген илгертен келе жаткан эреженин бузулганына чыдап карап тура албай, Ордого чаап жетип келип, Манаска ачууланат. Байыртан ата-бабалар кабыл алган калк аралык эрежени этибар албаган этиятсыздык кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аброюна көлөкө түшүрүп, нечендеген эл-журт үмүтүн арткан Таластагы Манас ордонун кадырына шек кетирмек. Бул окуяга Бакай көз жума алмак эмес. Себеби, кайсы бир акылман айткандай, чындыкты жерге көөмп койсо, ал бир күнү сөзсүз жерден өсүп чыгып, албуут күчкө ээ болуп, жолунан кезиккендердин баарын жоготорун Бакай жакшы билет. Элчилердин абакка салыныш окуясынын аягы барып, чоң жаманатты сөзгө айланып, Ала-Тоодогу бийлик ордосунун жүзүнө көө жабылышына алып келип, калк аралык алакаларда кыргыздардын эл караган бетин жер каратып коймок.

Бакай ушуну ойлоп, күйүп-бышып, элчилерди камактан чыгартып, аларга сый-урмат көрсөтүп, мейман кылууну уюштуруп, акыры конокторду илгертен кабыл алынган сылыктык эрежеси менен эл-жерине узатат. Айта турган нерсе «Элчиге өлүм жок» деген норма Бакайдын канына сиңип, жан дүйнөсүнө орноп, уятына айланып калган. Мына ошондуктан ал Манаска сын айтпай коё алмак эмес. Демек, Бакайдын элчилерди коргоп чыгышы тышкы турмуштук зарылчылыктын гана иши эмес, анын ички абийиринин да иши болуп отурат. Ички уят-абийирден чыгып чындыкты коргоо, бекке, ханга, королго, падышага сын айтуу – бул өзүнчө эле бир атуулдук кайратмандык. Бүгүнкү эгемендүү Кыргызстанга Бакай бабабыздын дал ушундай абийирдүүлүгү, уяттуулугу керек болуп турат. Азыркы биздин көп жарандарыбыз, улуусу да, кичүүсү да, байлыктуусу да, бай эмеси да көздү жумуп, чындыкты чыркыратып тепсеп, мансаптууларга көшөкөрлөнүп, акча, алтын издеп, кресло издеп, булгабай, бузбай турган ыйык нерселерди кордоп жатышкандыгы өкүнүчтүү.

4

Анжиянга ордосун куруп, Бүткүл Орто Азияны жана чыгыш Түркстанды эзип турган колонизатор Алооке ханды жеңгенден кийин Манастын атак-даңкы, кадыр-баркы көкөлөп өсөт. Баскынчы жоолорго каршы жеңиштүү боштондук согуштары менен аты айлана-тегерекке  дүңгүрөп турган Манасты бүткүл түрк-мусулман калктарынын таянар тоосу, коргонор чеби катары эсептеген көз караш да пайда болуп, «сахнага» чыгып келет. Түркстан аймагынын он эки хандыгынын башчылары, өкүлдөрү Кум-Арык деген жерде ак боз бээни жара тартышып, колдорун карысына чейин канга малышып, шерт беришип, Манасты алтын гүлдүү килемге салып,  жалпы Орто Азия жана чыгыш Түркстан чөлкөмүнүн хандыктарынын жогорку бийлөөчүсү, өкүмдары катары калдайтып хан көтөрүп ташташат. (С.Каралаевдин варианты). «Жалпы хандар чогулуп, арстан Манас баатырга, эки тизгин, бир чылбыр, берип салды деп уктум» делип, бул окуянын кабары «төгөрөктүн төрт бурчуна» чейин тарайт. Илгерки кылымдардын биринде кыргыздар Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн деген тарыхый маалыматтын бекер жерден чыкпагандыгына «Манастагы» ушул факт да күбө өтүп тургандай.

Кыскасы, эпостон Манастын жалпы Түркстан мейкининде эки тизгин бир чылбырды колго алган кубаттуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөндүгүн жана Таласта күчтүү мамлекеттик бийликтин туткасы болгон капкалуу Манас ордосу бар экендигин баамдай алабыз. Дал ушул зор мамлекеттик бийлик ордосунда ички жана тышкы саясатты тейлеп жөнгө салып  турган бир көсөм увазир бар. Ал – Бакай. Калк аралык мамилелердеги кысталыш учурларда дайыма ордодо: «Ажыбай, Бакай экөөнү, арачыга салалы», деп турушат. Алдыда болчу азапты алты ай мурда болжогон олуязаада Бакайды Манас ар качан мамлекеттин тышкы мамилелеринин кыйын-кезеңине салат. «Олуят чалдын эр Бакай, өзүң билип жол башта», деп Манас качан болсо Бакайга ишенич жүктөп турат. Тыш жактагы иштерде не болуп, не коёрун, нелер күтөрүн кээде Манас, чоролор билгилери келип: «Аба Бакай чыныңды айт, эминени билдиңиз, эминени туйдуңуз? Кыялыңды айт, сырыңды айт, кызырлуу Бакай чыныңды айт. Казып койгон ор барбы, кайнатылуу шор барбы?» – дешип, такып сурашат. Бир сөз менен айтканда, тышкы саясаттын билерманы катары анын аброю ордодо зор. Мамлекеттин тышкы иштеринде Бакайга эки тизгин, бир чылбыр толук берилген.

«Чоң Казат» согушунун алдында Таласта Манастын чоролору жана алты хан катышкан чоң чогулушта Бээжинге карай жүрүштө кол баштаган жалпы ханыбыз Бакай болсо деген сунуш ортого коюлат. Ошол учурда жалпы Түрк-мусулман көпчүлүгү чурулдап: «Касиеттүү Бакайды, канга ылайык көрөбүз» – дешип, сунушка бир добуштан макул болот. Бул окуянын өзү Бакайдын кадырбаркы кыргыздар үчүн гана эмес, жалпы түрк боордош журттардын өкүлдөрү үчүн да бийик экендигин ырастайт.

Бүгүнкү тил менен айтканда, Бакайдын тубаса дипломат экендиги. Бакайдын инсандар аралык, жамааттар аралык, калктар аралык алака-катыштардын дүйнөсүндө мамилелешүүнүн ачкычын таба билген кылдат айлакерлиги анын акылмандыгынан агып чыгат. Бакай ар бир адамдын өзгөчөлүгүн көрүп турат. Ал Букар шаарынын ханынын кызы Каныкейдин билимдүүлүгүн, баатырлыгын, акылдуулугун байкап: «Теңдик менен албасак, зордукка көнөр жан эмес, олжо болуп бизге эле, оңой менен Каныкей, колго тийчү ал эмес»,– деп Манаска кеңешин айтып, ага өзгөчө мамиле кылуунун керектигин эскертет. Каныкейдин жеке өзгөчөлүгүн эсепке алып мамиле жасоонун зарылдыгын айтып отурушу Бакайдын психологиялык кылдаттыгын айгинелейт. Бакай өзүнүн карама-каршылыктуу татаал турмуштук түйүндөрдү, чырчатактуу жагдайларды, конфликттерди амалын, «тилин» таап, жайгаштыра, жөнгө сала билген искусствосу менен бийик. Ошон үчүн ал «Манаста» «караңгыда жол тапкан, көргөндүгү бар эле, камалганда сөз тапкан, чечендиги бар эле, үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн, эпчилдиги бар эле, ажыраганды эптеген, айтышканды септеген» (Шапак манасчыдан) делип даңазаланат.

5

«Дипломатиялык искусство жагынан караганда, Манас эпосунда Бакай жалгыз эмес. Манас баатырдын сөзү бул: «Айтылуу чечен Ажыбай, акылга дыйкан эреним, каңгай менен кыргызга, арага жүргөн береним, кара тилин кайраган, калк алдында сайраган, үзүлүп кетсе, улаган, чачылганды жыйнаган». Ушул нукта алганда, «калк энеси» атка конгон Каныкейдин да өзгөчө касиетин белгилебей өтүү мүмкүн эмес. Бул анын инсан аралык өз ара мамилелердеги ийкемдүүлүгү, ийилчээктиги, адамкерчилиги жана ак, караны ажыратып,  жогоруда айтылгандай, кимдин кимдигин таразалап турган көсөмдүгү. Асылды асыл баалайт, жөн билги жакшыдан айланса болот дегендей, Каныкей Манастын тегерегиндеги Бакай, Кошой, Ажыбай, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу элдик баатырларды «абаке», «олуя», «берендер», «асылдар» деп жогору баалап, алардын алдында башын ийип, булар дегенде ичкен ашын жерге коюп, ар дайым жапакеч мамиле жасап турат. Ал эми кайненеси Чыйырдыга жасаган мамилеси мына мындай: «Ак байбиче карыям, тоодой болгон төрөмдүн, өзүн тапкан олуям, карап турсам кардым ток, көрүп турсам көөнүм ток». Каныкей мына ушундай дипломатиясы менен баатырларды, балбандарды, уруу хандарын, кыркы кырк жактан келген кырк чорону Манастын айланасына бириктирген күчкө айланат.

Кыскасын айтканда, 21-кылымда улуу мурасыбыздагы дал ушундай элчилердин, элдик дипломаттардын өрнөктөрү бизге табылгыс сабак. Элдик дипломатия маселеси жөнүндөгү сөз «Манас» эпосунун элдик нарктарды алып жүргөн каармандары менен гана чектелбеши керек. Биздин эрадан мурда да, кийин да өз хандыгын, каганатын, мамлекетин курган кыргыз эли Азия элдери менен болгон мамилелерде өзүнүн далай, далай элчилери менен мактана алган. Биздин эранын – кылымында Эрен Улуг аттуу кыргыз уулу Тибетке барып, элчи болгон. Байыркы кыргыз элчиси Эрен Улуг жөнүндөгү маалымат «Алтын көлдөгү» (Хакасия) таш эстеликте жазылып турат. Ал эстелик таш азыр Минусинск шаарындагы музейде сакталууда. Кыргыздын Бакай, Эрен Улуг баштаган элчилеринин салтын 19-кылымда айтылуу Тилекмат Аке жемиштүү уланткан. Тилекмат Жылкыайдар уулу тубаса таланттуу, айлакер элчи катары уруу тайпаларындагы өз ара чыр-чатактарды, басууда, Кокон, Кашкар мамлекеттери, казак султандары менен болгон мамилелерде элдик дипломатиянын чыныгы өрнөктөрүн көрсөтүп, атагы алыска угулган. Тилекмат Акенин элчилик кылдат өнөрүн төмөнкү ыр саптары чагылдырып берет деп ойлойбуз: Көйгөйлөр чыкса, ортого, Көпүрө болуп салынган.

Калк аралык катыштын, Чырагы болуп жагылган.

Коогалуу күндө көч көчкөн, Кооптуу кечүү – өтмөктөн – Атпай журт жүгүн жүктөнүп, Атан төө болуп өткөзгөн.

Алтымыш акыл ойлонгон, Асылы көчмөн дүйнөнүн.

Көрүнбөс көзгө жип болуп, Көзүнөн өткөн ийненин.

Кереги жок деп кылычтын, Пайдасы жок деп тузактын. Ымала кылып ийиткен, Ысыгы менен кучактын.

Кичине, чоңго тең болгон, Акылын айтса эм болгон. Жараканы бүтөгөн, Жан дүйнөсү кең болгон. Чатакташкан тайпалар, Чачылып кетпей эл болгон.

Тилегин айтып калың журт, Тилекмат Аке атаган.

Уулдар мындай бар үчүн,

Утулбай кыргыз жашаган.

Бүгүнкү эл аралык турмуш  диалогдун, толеранттуулуктун, консенсустун, акыл-эстүү компромисстин, кызматташтыктын, алгоолошуулардын жана тилектештиктин ийкемдүү дипломатиясына муктаж болуп отурат. Мына ушундай кырдаалда эл аралык мамилелерде Бакай менен Ажыбайдын диалог саясатын жүргүзүү, алыскы-жакынкы өлкөлөр менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу шарттарда активдүү жана кылдат алака-катышка өтүү, үзөңгүлөш коңшулуктун, тынчтыктын, достуктун, интернационализмдин философиясын тутунуп жашоо – Кыргызстандын коопсуздугунун жана стабилдүүлүгүнүн булагы болмокчу. «Манастын» дипломатиясы азыркы өзгөргөн дүйнөнүн татаал геосаясий кырдаалында  улуттук көчтү жүгүн оодурбай, кырсыктуу бороон-чапкынга кабылтпай, кыялардан тайгылтпай, жакшылыктын түз жолу менен бакыбат келечекке алып барууга жол көрсөткөн маяк. Бакайдын, Ажыбайдын, Каныкейдин, Тилекматтын ортого «көпүрө», данакер боло билүү өнөрү бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын элчилерине, саясатчыларына жана мамлекеттик ишмерлерине табылгыс таалим-сабак.

XXIV. МЭЭРИМДҮҮЛҮК

А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасынын сюжетине келсек, анда адегенде сөз эл бийлеп, азуусун айга жанып турган каардуу Азиз хан жөнүндө болот.

Талаада жаткан жылкынын куураган башын нагыз тулпардын башы деп таанып, кейип отурган абышканын сынчы экендиги билингенден кийин Азиз хан Толубайды ордосуна алдырып келет:

Эртеси Азиз падыша, Толубай чалды –  Вазирден тез чакыртып жанына алды.  Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып,  Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды.

Азиз хандын жылкылары Толубай сынчынын алдынан күн бою чубайт. Не бир ыргыштаган, асмандаган көркү көз жоосун алган укмуштай жылкылар Толубайдын көз алдынан өтөт. Ошолордун бирин да Толубай чыныгы тулпар деп таппай, хан алдында үн катпай башын жерге салат. Буга ызасы келген Азиз хан жылкылары чубап бүткөндөн кийин, айылдагы  акыркы атка чейин таап алып келип сынакка салгыла, деп каардана  буйрук берет. Ханга баары сыноодон  өттү, «Бир гана Кармыш кулдун бозу калды» деп эл чурулдап жиберет. Акыры ал атты да Толубайдын алдына алып келишет. «Кармыш кулдун  бозу» дегени айылдын четинде эптеп илкий басып, өзүнчө темселеп оттоп жүргөн жаман чобур болуп чыгат. Дал ушул сылтый баскан жаман чобурду көргөндө, Толубай карыя ордунан ыргып тура калып «Падышам, анык тулпар ушул» деп кыйкырып жиберет. Азиз хан буга ачуусу келип, Толубайдын бул сөзүн шылдың катары кабыл алып, каардана кесирдүү сынчынын эки көзүн ойгула деп буйрук берет.

Көзүнөн кан шорголоп турса да Толубай кайратын жоготпой, өз чындыгын далилдегиси келип, Азиз ханга мени бөөдө эле жазаладың, эми көзүмдүн куну үчүн ушул жаман бозду кенендик кылып мага бергин, кимибиздин жаңылганыбызга Кудай өзү калыс болсун деп кайрылат.

Азиз хан ала бер деп басып кетет.

«Кармыш кулдун бозу» деп аталган бул жылкыга кишилер катардагы эле демейки унаа катары, күндөлүк чарбачылыкка пайдалана турган жумушчу ат катары карашып, кулун, тай кезинен жанын койбой жонун жоорутуп минишип, ойго-тоого жүк жүктөп шайын кетиришип, акыры ал бечараны «кыбырап сылтый баскан, кырчаңгы, арык, ачка, эшек кейпиндеги»  чобурдун деңгээлине чейин жеткизишкен. А бирок бул чобур зилинде тулпар тукумунан болуп, энесинен күлүк туулган жаныбар эле. Жайнаган көп элдин ичинен жалгыз гана Толубай сынчы Кармыш кулдун жаман бозунан тубаса күлүктүн сынын көрүп отурат.

Чыныгы күлүктү, тубаса тулпарды тапканына, ошондой эле адамдардын түркөй мамилесинен чүнчүп кор болгон бечара жылкынын багын ачканга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө каниет кылган Толубай сынчы «Кармыш кулдун бозун» эч кимге көрсөтпөй кемпири экөө көмүскө жерде баладай бапестеп багат. Акырында аздектеп багып отуруп, аярлык менен таптап, табына келтирип, тулпар катары тирилтип, соңунда жарышса жан жетпеген, кууса мал жетпеген, учкан куш менен жарышкан күлүккө айлантат. Бир сөз менен айтканда, Толубай сынчы-саяпкер жаман боз аттын жерге көмүлгөн тагдырын кайра жаратып, күлүктүгүн өзүнө  кайтарып берет. «Кармыш кулдун бозунун» тагдырында болуп өткөн чукул бурулушка байланыштуу Ысык-Көлдүк даанышман Мойт Акенин төмөнкү сөзүн эстөөгө туура келет: «Саяпкери жарашса, күлүккө канат бүткөндөй болот. Мыкты саяпкер күлүктүн табын гана билбестен, күлүктүн көөнүн да табат. Анын эч жерине керт кетирбестен, ичи-тышына кир жугузбастан, күлүк менен кадимкидей баарлашып, кирпигин, жүнүн, туягын, жал-куйругун карап, ысык-суук аралатпай, алдан-күчтөн тайгылтпай, сылап-сыйпап, астейдил барктап-баптап асырайт. Өз тарабынан күлүк да муну сезет, туят. Жылкы жаныбар акылдуу эмеспи. Мына ушунун өзү күлүк менен саяпкердин сүйлөшүүсү болот, өз ара көңүл табышкан саяпкер менен күлүк бири-биринин шагын сындырбайт. Саяпкердин зоболосун көтөрүп, табына келген күлүк көкүлүн желге сапырып, эл көзүнө көрүнүп, көрктүү кенен арыш таштайт. Эгерим, кандайдыр бир себеп менен күлүк түн шамы күйбөй, бактысы ачылбай, мөөрөй алып бере албай калган шартта да, анын шагын сындырбоо керек. Демейде адам муну байкабаганы менен, жылкы жаныбар ээси менен кабарлашып турат. Ошондуктан жылкыны эч качан башка чаппоо керек. Өзгөчө күлүктү башка чапса, анын касиети кайтат, көңүлү сууйт. Ээсине таарынган күлүк, кандай табы келип турса да, чечилип тер төгүп чуркабай коюшу мүмкүн». Мойт Акенин бул сөздөрү эмне деген укмуш сөздөр. Көрсө, күлүктү күлүк кылган нерсе, ага берилген жем-чөп, толтура тоют эмес, саяпкердин аёолуу адамгерчилиги,  сылап-сыйпаган сылык мамилеси  төгүлгөн мээрими экен. Жарыктык жылкыны күлүк кылган саяпкердин мээрими тура. Бул өзүнчө эле бир ачылышка тете сөз го. «Толубай сынчы» поэмасы тереңге буккан подтекстерге бай. Аларды сезе билүү керек. Толубай сынчынын дал ушундай айбанаттын сырын, жан дүйнөсүн туюп турган, аяп турган кылдаттыгы, гуманисттик асылдыгы чобур аттын бактысын ачууга себеп болуп берди. Толубайдын жан дүйнө аярлыгы, аруулугу, акыл бийиктиги, Мойт Акенин өйдөкү алтындай акыл асылкечтиги кыргыз элдик гуманизминин тереңдерди жиреген улуу көрүнүшү. Балага да дал ушундай кылдат, мээримдүү, адамкерчиликтүү мамиле зарыл. Мээрим-педагогиканын кыймылдаткыч күчү, «мугалими күндөй тийсе чачырап, окуучусу бажырайып гүлдөй жайнап ачылат» деген сөздөр бекеринен айтылбайт экен да.

Айтмакчы, бир турмуштук фактыны алдыга тарта өтөлү. Саяпкердин өзүнө жасаган аяр, жапакеч, камкор мамилесин жылкы баласы да терең туюнат экен. Ысыккөлдүк атактуу саяпкер Жумадыл Баячор уулу 1962жылы каза болгондо күлүгү Карагердин кандай абалда болгондугун Жумадылдын кызы Батыйгүл минтип эскерет: «Ошондо короодо турган Карагер аттын көз жашын төгүп ыйлаганын көрүп, эл бир чети кошо ыйласа, бир чети жылкынын сезимтал туюмуна айран таң калышкан. Күлүк кадимкидей аза күтүп, жем жебей, чөп кыркпай, суу ичпей арыктай баштаганын көрүшүп, аны эс алып семирсин деп жайлоого жиберишет. Көп узабай эле жарыктык Карагер жайлоодон өлүп калган экен.» (Китепте: Интеллигенция жана улут келечеги. – Бишкек, 2020, 162-бет).

Чобур аттан чоң тулпарга айланган кечээки Кармыш кулдун бозу да, Толубай сынчынын бапестеген мамилесине эргип, алып учуп турат.

Толубай кемпири экөө туягынан от жанып, кадимкидей тирилип, табына келген тубаса күлүктү алчактата минишип, Азиз ханга келип, эми эр болсоң, намысың болсо жетип ал деп, боз тулпардын тизгинин коё берет. Азиз ханга баягы ыргыштап турган аттары менен куугунга түшөт.

Акырында Толубай кууп жетпей калган Азиз ханга кайрылып: «Жаман боз мен минген ат таанып кара, падышам сын баркына жете албадың, акыры ээн талаада сен маскара»,– деп шылдың сөзүн айтат да, алдыга сызган бойдон кетет.

Толубай сынчынын көрөгөчтүгүн, керемет касиетин карачы. Бул саяпкер сынчы ар бир жылкынын жекече өзгөчөлүгүн, өзүнчө айырмачылыгын туюп, сезип турган. Толубай сынчы арттагы дүбүрттү угуп, кемпиринен кандай аттар экен деп сурап жатат. Кемпири артка кылчайып, такымдап кирип келген күлүктөрдү мүнөздөп берет. Ошондо Толубай жете келген жээрде кашка аттын маңдайы, мээси жука, күндү карап чап, жетпей артта калат деп айтып атат. «Чоң күрөң боз» болсо, бу жаныбардын туягы жука, таштакка сал деп сынчы кемпирине кеңеш берет. Кемпири чалынын айтканын айткандай кылганда, жээрде кашка менен Күрөң боз караандабай артта калат. Мына ушинтип, куугун учурунда ар бир атка жасаган жекече мамилеси Толубай сынчыга ийгилик алып келет.

Бул жерде айталы дегенибиз, поэмада кеп ат жөнүндө болуп жатса да,  мында биз таалим ала турган осуят бар. Бул жерде элдик педагогиканын акылман нускасы жатат. Бул – каймана, кыйытып ишара кылынган өзүнчө бир педагогикалык символ. «Толубай сынчы» чыгармасынан бүгүнкү мугалим ар бир баланын жекелигин табуу, ар бир кулунчакка индивидуалдуу мамиле жасоо философиясын үйрөнсө болот. Чынында эле, элдик педагогикабыз образ дуу туюнтулган, адабий метафораларга оронгон идеяларга канчалык бай жана бүгүнкү инновациялардын заманында этникалык кыртыштагы өлбөс гуманисттик баалуулуктарды өздөштүрүү мугалимди канчалык байытмак.

Чын чынында, терең карасак, ар бир бала өзүнчө бир жаткан күлүк. Ар окуучунун ары тереңинде күлүктүн күчү бугуп жатат. Балдардын ар биринин ичинде учууга канат бар экен. Бирок өкүнүчтүү нерсе, бир катар учурларда биз өзүбүздүн ийкемсиз мамилебиз жана методикабыз менен, авторитардык өкүмчүлдүгүбүз менен «тубаса тулпардын туягын ташыркатып», басмырлап, баланын өзүнө болгон ишеничин кыйратып, барып, барып, күлүк төрөлгөн чүрпөнү «чобур» инсанга, башы маалыматтардын ыкыр-чыкырына толгон  «челекке» айлантып коюп жатпайбызбы.

Акылман сынчынын хандын алдында бөйпөңдөбөй, чындыкка тике караган олуттуулугу, сынчылык, саяпкерлик ажайып чеберчилиги, гуманизми, өз чындыгын коргой билген каармандыгы, тагдырдын оор соккусуна туруштук берген жеңишчил руху менен да бизге үлгү жана өрнөк.

Терең байкасак, Толубай сынчы, анын чынчылдыгы, чындыкты кандай кырдаалда болбосун коргой билгендиги, чындык үчүн эки көзү оюлуп калган күндө да каармандык менен күрөшкөндүгү, көрсө, биздин улуттук коломтобуздагы идеалыбыз экен. Эгемендүүлүктүн жылдарында биз ушул идеалыбыздан оолак калдык. Төмөнкү ыр саптары бекеринен жаралган эмес:

Ашып-ташып байлык, бийлик кумары, Тебеленди асылдыктын тумары. Ыйман калып ыргытылган буюмдай, Идеалдар чөп өңдөнүп куурады.

Бир сөз менен айтканда, чындыкты туу кылган Толубай символубузду чөп өңдөнтүп кууратып, абийирсиз Азиз хандардын жолуна түшүү кандай натыйжага алып келгендигин төмөнкү саптардан көрөлү:

Шайлоолордо түлкүлөргө алданды, Акыйкаттан адашышкан жарандар. Тулпарларды тизеге чаап жыгышып, Эшектерге жол ачышты кайрандар.

Мынакей, идеалсыз, Толубайсыз жашоонун касепети. Идеал – бул жеке адамды да, мамлекетти да ич жактан тиреп турган, шыктандырып турган улуу күч. Жеке инсан да, коом да, мамлекет да идеалы жок жашай албайт. «Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо» деп акын Нурмолдо бекер айткан эмес. Улуу сынчыбыз Толубайдын чындыкты туу туткан адеп-ахлак идеалына кайтып келишибиз – кыргыз коомунун рухий саламатчылыгынын кепилдиги болмок.

Анткени менен арабызда Толубайдын мээримдүү салтын улаган жеке инсандарыбыз да бар.

Ушундай нарк-дөөлөттөрү бар болгондугу үчүн Алыкул Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасы те XX кылымдын 60-жылдарынан бери карай мектептин адабият программасынын чордонунан орун алып келе жатат.

Ар бир рухий салт өзүнүн уланмалуулугу менен күчтүү жана түптүү. Акылман Толубай сынчынын улуу гуманизминин учугу бүгүн уланып жатабы? Бүгүнкү күндүн өзүнүн Толубайлары барбы? Шүгүрчүлүк, улуттун уучу кур эмес. Бир мисалга кайрылып, ошону менен сөздү тамам кылалы. «Класста арткы партада отурган, өмүрү сабакта кол көтөрбөгөн, класска кирип-чыгып жүргөнү эле болбосо, такыр байкалбаган, анысы аз келгенсип, уялчаак, тартынчаак, жалтаң, үнү үлдүрөп араң чыккан балдар, кыздар болот, – деп бир жолу чечилип, Эл мугалими Бектур Исаков аңгеме курган эле. 8-класста ошондой балдардын бири бир күнү сочинениеден 40тан ашык орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык ката кетириптир. Агайы жазуу ишин кызыл-ала кылып текшерет да, ал окуучуну сабактан кийин жалгыз алып калып, сочинениесин өзүнө көрсөтөт. «Карачы, – дейт Бектур агайы, – канча ката кетиргенсиң, сени уят кылбайын деп, мен атайы класска көрсөткөн жокмун. Классташтарың муну көрсө эмне дейт, сен жөнүндө кандай ойдо калат? Кой, мындай окушуң болбойт, сен намыстанышың керек, сен да атанын бала сысың да. Ал эми бул каталарың экөөбүздүн ичибизде эле болсун», – деп кеңешин берет. Ушул жолугушуудан кийин Бектур агай бул балага такай көңүл буруп, доскага көбүрөөк чыгарып, талаш-тартышка аралаштырып, кээде аны менен жекече сабат сабагын алып барып, атайын тапшырмаларды берип, иштете баштайт. Барган сайын баланын жазуу иштеринде каталар улам азая берет. Азайган сайын агайы: «Сенин ой жүгүртүүлөрүңдө, сабаттуулугуңда өсүш бар, азаматсың, сенин колуңан көп нерсе келерин мен билгем, дагы чамда, мен сага ишенем», – деп далыга таптап, мээримдүү жылмайып, көтөрмөлөп турган. Бара-бара агайы камкордук көргөн бала жазуу иштерин катасыз жазып калат. «Ошентип отуруп ал бала кийин таптакыр ачылбадыбы, – деген Б.Исаков көздөрүн кубана күлмүңдөтүп, – 10-11-класстан мыкты окуп, баягы тартынчаактыгы жоголуп, абыдан активдешип, таскагы чыгып, класстагы лидерлердин бирине айланып, а түгүл менин үлгүмдө сабак өтүп жүрдү». Окуучу агайынын мээримдүү мамилесинен улам эргип, канатын күүлөгөн. Бектур Исаковдун «Ар бир окуучу мен үчүн кымбат, ар бириңде таң калаарлык шык, жөндөм, талант бугуп жатат» деген сөзү бекер эмес экен. Гуманист педагог ошол бугуп жаткан талантты Толубайчасынан ачуунун ак жаркын өрнөгүн көрсөтүп отурат. «Бектур агайдын башкалардан айырмаланган бир орчундуу өзгөчөлүгү – деп эскерет кечөөкү окуучусу Токтобүбү Ниязалиева, – ал арткы парталарда үндөбөй отурган, сабакты сураса, баштарын жерге салган ыкшоо, жалкоо, уяң окуучуларга кадалана көңүл бурар эле. Агай ошондой окуучуларга сөз берип, сүйлөтүп, колдоп, «камчылап», сүрөп жүрүп отуруп, акыры алдыңкы окуучулардын катарына теңеп койчу». Кыргыз руханиятынын ажырагыс касиеттеринин бири болгон мээримдүүлүктөн кайра жаралган тагдырлардын таржымалы ушундай. Мындай мисалдар арбын.

XXV. АР НАМЫСТУУЛУК

Ала-Тоолук ак калпакчан кыргыз баласынын социалдык мүнөзүнүн дагы бир айырмалуу белгиси – бул арнамыстуулук, намыскөйлүк.

Кыргыз баласынын кыртышы сүйбөгөн, кабыл албаган, жек көргөн нерсеси – күнкорлук, көз карандылык, бирөөлөргө багынычтуу болуп күн көрүү, кулчулук. Кыргыз баласы жеке өзүнүн да, элинин да, мекенинин да кандайдыр бир күчтүн үстөмдүгүнүн алдында жашашын эч көтөрө албайт. Мындай абалды ал намысынын тебелениши, кордолушу катары туюнат. Ушундай туюмунан, ушундай ойлонуу ыгынан улам улуу «Манас» эпосундагы айтылуу Кошой баатыр «Жан деп Кудай жаратсаң, калмак, кытай, манжунун, дегеле көзүн  каратпа» деп Теңирден тиленип турат. Ошол эле «Манаста» каардуу  Алооке хан кара таандай жайнаган калмак-кытай аскери менен Ала-Тоону басып алып, «Талдын баарын сулатып, тамдын баарын кулатып, кереге-уукту кыйратып, келин-кызды ыйлатып», калктын башына кыяматты салып турганда, кыргыздын Текечи, Акбалта сыяктуу уулдары баскынчылардын зордугуна көнбөй, чыдабай: «Калкы тыргоот, манжууга, кантип сурак беребиз, кол куушуруп баш ийбей, койгулашып өлөбүз» дешип, козголоң, бунт чыгарышып, кырылгандан калган бир ууч журтту кытайдын сансыз аскерине каршы көтөрүлүшкө көтөрүп жатат. Мынакей, көз каранды тагдырды көтөрө албаган, көргүсү келбеген, көйкашка ар намыстын күчү. Ата-бабаларыбыз чоочун күчтөргө сурак берип жашаган кулчулуктан керек болсо, өлүмдү артык көрүшкөн. Мына ошондуктан элибиздин ичинде «Коёнду камыш, өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт», «Эр – намыстын кулу», «Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек», «Мал сактаба – ар сакта», «Баатырдын баш ийгени – өлгөнү»,  «Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт» деген макалдар жашап калган. Ушул патриоттук ар-намыстын духуна сугарылган макалдардын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Азыркы эле «Баатырдын баш ийгени – өлгөнү» деген макалга карасак,  Манас атабыз ушундай нуктагы ишеними жана жүрүм-туруму жагынан бала кезинен эле айырмаланган. Бир эпизодду эске түшүрөлү.

Бала баатыр Манастын кабары Бээжиндеги император Эсенканга жетет. Калмактын Тагылык дегени: «Баатырдын баарын сомдоду, балбандарың  сойлоду,  Манас  бирин да тирүү койбоду»,– деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсенкан: «айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел»,– деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой дөөнү баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Жолой, дөө-шаалары менен Алтайдагы азганактай кыргызга заматтын ортосунда каптаган селдей  кирип  келет. Ошондо  коркконунан  сакал,  чачы бириндеп,   тула-бою дирилдеп,   Жакып   чал  Манаска: «Айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара,  баарын тартуу кылып берели» – дейт. Ошондо Манас Жакыпка мындай дейт: «Кокуй, ата, не дейсиң, жоого намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин! Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин, калкым кыргыз, сен үчүн, курман болуп кетейин, найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам!»Мына ошентип, жаш Манас жоо-жарагын шайланып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, өзү келип катылган жоонун таш талканын чыгарат.

Манастын түп атасы Каракан, Каракандан Огузкан, Огузкандан Аланча кан, Аланчадан Байгур менен Уйгур, Байгурдан Бабыр, Бабырдан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногой, Ногойдон Орозду чоң атасы. Ушул атабабаларынын бардыгы кезегинде Азиянын мейкиндерин чаңдаткан, азуусун айга жанган баатыр, падыша, хан, ажо болушкан. Элин «тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей» калкалап, журтунун таянган тоосу болуп, атакдаңктары ай-ааламга угулуп, дүйнөдөн дүңгүрөп өтүшкөн. Өз элинин жана баатыр ата-бабаларынын таржымалынын мисалында тарыхый эстутумга тарбияланган Манас: «Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө эл-журт олуя, беттеп адам барбаган», – деп ар дайым сыймыктанып турат. Ата-бабаларынын патриоттук, мекенчилдик салты, руху менен жашоо Манастын мүдөөсүнө жана ар-намысына айланган. Жаш Манас баатырдын мүнөзүнүн эң башкы, өзөктүү белгиси – ар-намыстуулук. Анын рухунда жеке адамдык ар-намыс менен Ата -журттун, элдин ар-намысы жуурулушуп кеткен. Карап турсаң, Манас менен кыргыз эли бир эле дене сыяктуу. Намысы тынчтык бербей: «Атым өчүп калбайбы, атамдан калган Ала-Тоо, Алтайдан калбай албасам», –  деп Манас дайыма  ичинен толгонуп, азаптанат. Өз ата конушунун бирөөлөрдүн бийлиги алдында калганына катуу чычалап, ичи өрттөнүп: «Жердеп турат жеримди, ээлеп турат элимди, Текес менен Алооке, кетирип турат кебимди», – деп дамамат бармагын тиштеп, түтөп турат. Ала-Тоонун, Анжиян менен Кашкардын душмандын таман алдында жатышын өзүнүн жеке инсандык ар-намысынын тепселип  жатышы катары туюнуп, эч бир жаны жай албайт. Анжиянды басып жаткан Алоокеден улам: «Атамдан калган жеримди, алдырып коюп Кытайга, аңкайып кантип турамын», «Кызыктуу жерди алдырып, кыргыз уулу болгончо, кырылып жатып калалык, кайтарып жерди албасак, кан жөткүрүп калалы» – дейт ал муштумун таштай түйүп. Манастын эл алдында берген төмөнкү Анты анын намыскөй, патриоттук рухунун эң бийик чокусун мүнөздөйт:

«Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн,    Аткарбасам антымды,   Төшү түктүү жер урсун!

Көкө Теңир өзү урсун!»

Ушул антына акыр-аягына чейин бекем тургандыгы,

Ата-журтту баскынчы жоодон бошотуп, элин боштондукка чыгарып, «Кулаалы жыйып куш кылып, куранды жыйып журт кылып», эгемендүү кыргыз мамлекетин түзгөндүгү, уулдук ар-намыстын жана мекенчилдиктин туусун бийик көтөргөндүгү үчүн калайык-калкыбыз, жарандарыбыз Манаска маяк катары карап, сыйынып калышкан.

Манас атанын ар намыстын туусун желбиретип жашаган патриоттук өрнөгү кыргызда таалим-тарбия механизми аркылуу укумдан-тукумга өткөрүлүп турган. «Баласына атасы, энчи кылып берген сөз, жайнап түшсө мөндүрдөй, жалпы журтум терген сөз» деген сөз «Манаста» бекеринен айтылбаган. Кечээ XIX кылымда Манастын баатырдык салтында тарбияланган Эшкожо уулу Балбай баатыр айбалтасына таянып туруп: «Эч кимге элимди кул кылбайм, жеримди тепсетпейм» – деп, ант берген. Кийин ошол эле Балбай баласы Мойнокко: «Элиң үчүн өрт аралап, ок кеч. Кандай да болбосун, жоо колунан сактап кал. Душман чегиңе тийбесин»,– деп, керээз-насаатын нускалаган. Ойлоонунун мындай жарандык (граждандык) образы кыргыздын илгери-кийинки муундары үчүн мүнөздүү болгон. Дал ушундай ар-намыстуулуктун, мекенчилдиктин күжүрмөн руху ак калпак журтубузду тарыхтын тагдырды сынаган бороон-чапкындуу нечендеген кыйын-кезеңдеринен сактап келген.

Жеке адам, а түгүл бүтүндөй журт жаным тынч, курсагым ток, кийимим бүтүн болсо болду деп, өзүнүн эркиндигине, боштондугуна кайдыгер карап, кол шилтеп, «акылдуу» бирөөлөрдүн «чүлүктөп» жетелеп башкаруусунун, үстөмдүгүнүн алдында күн көргөндү ыңгайлуу көрүп, тагдырынын боо-тизгинин чоочун колго табыштап, эркиндигин күчтүүлөрдүн «аталык камкордугунун» астындагы «курсагы ток турмушка» алмаштырып коюшу да мүмкүн. Ушундай маанайга, ойго  алдырган адамдар «Манаста» да бар. Маселен, түп Бээжинден, Какандан бери түрүлүп келип, Ала-Тоону кытай-калмак басып алганда, кыргыз Шыгай кан кыргыз журтуна кайрылып: душман менен кармашаарга алыбыз жок, чапчышаарга чамабыз жок, жоонун айтканына көнүп, каалаганын берип, башка түшкөн тагдырды көтөрүп, чоң Каңгайга баш ийип, тынч жашайлы, деп кеңеш салат.  Ошондо, Бай менен Акбалта чамынып, Шыгайга жооп берип турганы бул: «Көп эле болсо өлөбүз, өлбөй канча жүрөбүз? Артыкча башым барында, айылымды кантип берейин! Кутурган экен Алооке, ал ит менен кулжуңдашып көрөйүн!» Бул сөздөрдөн төрт тарабы тең торолуп, туюкка кептелип турганын көрүп турса да, баш ийип күн көрүүнү, курсагы тойгон кулдун тагдырын күтүүнү ар көргөн, бу көрөкчө туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн деген кыргызды дагы бир жолу көрүп турабыз. Өзүнүн жана өлкөсүнүн тоо бүркүтү сыяктуу эркиндиги, өз тагдырына өзү кожоюн болгон өз бетинчелик, багынбас баатырдык дух, ашказандын, курсагы тойгон кулдун жазмышынан ар намысты бийик койгон парасаттуулук, күңкорлуктан күрөштү артык санаган патриотизм – кыргыз социумунун ыйык дөөлөттөрү.

«Ак кымкаптан тон албайм, ар кимди барып бир ырдап, ары жок ырчы боло албайм» (Барпы), деп ырдаган тоолук акындар калайык-калкка ар намыстуулуктун таалимин үгүттөп, үйрөтүп турган. Дал ушундай менталитетке кезегинде «акындардын булбулу» деп аталган Арстанбек Буйлаш уулу да эгедер эле. Арстанбек өзү элимжерим деген чоң патриот болгон. Ал 19-кылымда кыргыз жеринин, элинин падышалык бийликтин баскынчылыгы алдында колония болуп калганына атуул катары ичи күйүп, катуу кайгырып, абыгер чеккен. Арстанбектин чыгармачылыгынын маани-мазмунунун логикасынан өз жериңде тыштан келген бөтөн күчтөргө кул болуп калбоого, кыргыздын ар-намысын алдырбоого, Ала-Тоо Мекендин азаматы болууга үндөгөн атуулдук чакырык дайыма угулуп турат. «Кокондук алды көлүңдү, кокуйлатты элиңди», падышачылыктын тушунда «каптап тузду көтөргөн, көлүк болду элибиз, башка чапса былк этпес, өлүк болду элибиз», – деген ыр саптары Арстанбектин кордукка, баскынчылыкка, көз карандылыкка, кулдукка чыдабай кыйкырган патриоттук ачуу чаңырыгы, рух бунтту катары кабыл алынат. Патриот акын өзү уулдук жүрөгү менен терең сүйгөн «салаалап аккан булагы, сапсары болгон тулаңы, сагындырган ыраңы» Ала-Тоо жергесинин бөтөндөрдүн бут алдында тепселишин түк көтөрө алган эмес, буга жан дүйнөсү чыдай алган эмес. Тирүүсүндө колониалдык баскынчылык кыргыз жергесине алып келген азап-тозокторду жана терс көрүнүштөрдү тайманбай ачык ырдап, калкка жарыя кылган («Тар заман»). Ал акындык өнөрү  менен калайыкты ар-намыска ойготуунун, жамааттын патриоттук адеп-ахлагын бекемдөөнүн камында болуп, мекенчилдиктин бийик идеалдарына  изден тайбай кызмат кылып жүрүп дүйнөдөн көчкөн. Падышалык империянын ээлигине тагдырын тапшырууну каалабаган Арстанбек сыяктуу патриоттордун багынбас духу жана атуулдук ар-намысы акыры, 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келген. Тишине чейин куралданган падышалык армия менен куралсыз азканактай кыргыз элинин кандуу кагылышы образдуу айтканда, темир тумшук алп кара куш менен тоо шумкарынын беттешишин элестетет. Темир тумшук алп кара кушту тайманбай тепкен томуктай тоолук шумкардын баатырдыгы таң калтырбай койбойт. Канга боёлуп, бирок өзүнүн ар-намысын бербеген кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнүн  каармандыгына жана руханий күчүнө төмөнкү жалындай жалбырттаган поэтикалык саптар арналган:

Кандаштарым!

Өз жериңди чоочун күчтүн басканын,

Ала-Тооңду тескеп-тепсеп жатканын,

Көтөрө албай көтөрүлдүң күрөшкө,

Ташташ үчүн силкип жондон,

Үстөмдүгүн башканын –

Учу менен найзанын,

Мизи менен балтанын,

Кесиш үчүн ажыдаардын баштарын.

О боорлор, 16-жылдагы,

Өзүңөрдү курмандыкка чалдыңар,

Апкелем деп Ата-Журтка, Боштондуктун ак таңын.

Кордукка сен кол куушуруп жатпадың, Карлуу бороон, ак кар, көк муз

Алааматтан качпадың.

Айыгышкан кырчылдашта,

Көөдөндөгү көксөгөнгө,

Жетпей боорум,

Көкүрөгүң өрттөп күйүт,

Көк жондордо,

Көк бөрүдөй улуп көзүң жаштадың.

Баш ийбеген духуң менен,

Баш бербеген бунтуң менен,

Суудай аккан каның менен,

Чындык деп,

Чыркыраган жаның менен,

Багынбаган арың менен,

Көктүк мүнөз жөнүң менен,

Көк тиреген ашууларда,

Көмүлбөгөн сөөгүң менен – Сен улуттун ар-намысын сактадың!

Өзүңдү сен кулчулукка сатпадың.   Сезип бүгүн,  бир жагынан чыйралам мен,

Ошондогу өрттөй күйгөн,     Кайратыңдын аптабын.    16-жылы, кыргыз  чынын айтсам,

КЫРГЫЗ деген улуу    атыңды,           да бир жолу актадың!…

Этик-философтордун ою боюнча, бу дүйнөгө келген ар бир адам баалуу, кайталангыс, уникалдуу, сен ошол баалуулугуңду сезишиң керек, адам деген бийик наамга татыктуу болуп, өзүңдү-өзүң сыйлап, адамдык беделиңди төмөн түшүрбөй, жекече ар-намысыңды бийик кармап жашашың керек. «Ар-намыстуу адам ачка болуп турган күндө да, бирөөлөргө жалдырап, эки колун сунуп нан сурабайт. Ал эч убакта өзүн-өзү басынтпайт. Ар-намыстуу адам материалдык пайда жана финансылык бакыбатчылык үчүн да эч убакта бирөөлөргө кул болуп бербейт. Мындай өздүк кадыр-барк сезими (чувство собственного достоинства) жогору адам үчүн бирөөлөрдүн «алтын торуна» караганда, биринчи иретте, өзүнүн эркиндиги, өз алдынчалыгы жана кишилик ар-намысы артык» (Е.В. Аболина). Тоолук акын Тоголок Молдо да ушундай духта ойлонуп турат. Ал нагыз адам башына кылыч кармап турса дагы сөзүнөн танып, аброюн жерге түшүрбөйт, мал, дүнүйөгө алданбайт дейт («Адам мүнөзү» поэмасы). Акын үйүндө оокат кылбай, куурай башын сындырбай, айылдан айыл кыдырып колоктоп басып жүргөн, айткан сөз кулагына кирбеген, үйүндө аялы, балдары ачка отурса, өзү көрүнгөн үйдөн тамак аңдып, түтүн чыккан жерге жолбун иттей жетип барган, катын-калачка шылдың болгондон уялбаган арсыз, намыссыз киши жөнүндө жипкирүү менен жазган «катынына кайры жок, баласына пайда жок, мындай акмак кайда бар» – «Эркектердин мүнөзү» поэмасы). Мындай намыссыз адамды Тоголок Молдо: «Тим басып тирүү жүрсө да, тирүүлөй өлүк», – деп атаган. Акын жарандарды эл алдында уятка калбай, арсыз, нарксыз, жетесиз аталбай, ар дайым жеке ар-намыстын байрагын бийик көтөрүп жүрүүгө, жакшы иштер, мыкты жүрүмтурум менен аброй күтүп жашоону сөзү менен да, иши менен да үгүттөп өмүр сүргөн.

Өзүнүн жекече адамдык беделин да, ар намысын да жерге түшүрбөгөн, эл-жердин да намысын коргогон асылдар Ала-Тоо арасында ар дайым арбын болуп келген. Мүнөздүү мисал катары ошондой асылдардын бири айтылуу Тилекмат Акенин өрнөгүнө көңүл буруп өтөлү. Ысык-Көлдүк Зарыпбек өкүмдар Тилекмат акени негизсиз кодулап, бийлигине чиренип, «тентип келген кулсуң» – деп жөөлөп, атайы башкаруу чөйрөсүнөн оолактатууну көздөйт. Ал бир күнү Тилекмат Акени алдына чакырып алып: «Деги сен кимсиң? Өзүңдү киммин деп ойлойсуң?» – деп демитип сурайт. Анда Тилекмат Аке: «Биз Кудайдын пендесибиз. Биздин жарык дүйнөгө келип кетүүбүз келгин куш сыяктуу, убактылуу. Бардык адамды  Кудайдын пендеси деп, тең тутуп ардактасак кана! Мен бардык замандаштарыма: улууларга, өкүмдарларга, кичүүлөргө, курбуларыма бирдеймин. Мен баарына теңмин. Мен калыс эмес, кыйкымчыл, ичи тар, өзүм дегенде колун ие тарткан өкүмдарлар менен пейилим келишпейт, ымалам жуушпайт. Мен андайлардын бийлигин да, буйругун да кабыл албаймын. Кош, Зарыпбек» – деп, этек-жеңин кагына ордунан туруп, эшикке чыгып кеткен.

Бардык адамдар мансап-даражасына, бай-кедейине, улуу-кичүүсүнө карабай калыс, адилеттүү, сый мамилеге акылуу деген көз караш Тилекмат Акенин тутунган ишеними болгон. Бу кеменгердин ою боюнча, кишиге карата адилеттүүлүктүн, калыстыктын бузулушу, ага карата текебер, үстөмчүл мамиле-адамды басынтуу, анын ар намысына шек келтирүү деген кеп. Дал ушундай кырдаалда Тилекмат Аке мына моминтип, кыргыздын «Какайганга какайгын, падышанын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин, атаңдан калган күл эмес» деген эрежеси менен Зарыпбек өкүмдарга каяша жооп кайтарып, адамдык беделин жерге түшүргөн эмес жана мындай жүрүм-туруму менен бийлик ээсине эстен чыккыс сабагын берген. Мынча болду, ар намыстуу жүрүм-турумдун дагы бир мисалын алдыңыздарга тарталы. Бул ирет дагы бир жолу кайрадан «Манаска» кайрылып, Манас баатырдын жары,– «калк энеси» Каныкейдин өрнөгүнө назар салып өтөлү. Кыргызга  ата болгон Ажо Манастын көзү өткөндөн кийин Көбөш баштаган «алты арам» Каныкейдин да, калктын да чекесине чыккан чыйкан болот. «Чырпык өзүн тал ойлойт, чымчык өзүн куш ойлойт» делет элде. Бул жерде Каныкейдин жанын күйгүзгөн нерсе, агасы Манастын аркасы менен киши катарына кошулуп келген, арымы кыска, абийири пас Көбөштүн, өзүн Манаска тең келген баатыр катары сезип, эл эгеси менмин деп эсептегенинде («Манастай өзүм турганда, өлгөндү кантип ойлоймун»). Манастын көзү өткөн соң, бул жамандын ашынып чыгаарын, өзүнө кылгылыкты кыларын Каныкей билген, бирок Манастан айрылып, кара кийип кан жутуп отурганда катын кылып алам деп эсирери канышанын үч уктаса түшүнө кирген эмес. «Агасынын катынын, иниси жерге таштайбы, жесири калса агадан, жеңесин кайни алуучу» деп, Көбөш салтты бетке кармамыш болуп, өзүнө жуучу жибергенде, Каныкейдин күйбөгөн жери күл болот. Манастын арбагын жана өзүнүн аялдык ар-намысын бийик койгон Каныкей Абыке – Көбөштүн мындай ниет-мүдөөлөрүн чечкиндүү түрдө четке кагат. Жуучу болуп келген Баймат менен Кыргыл чалдын «айткан сөзгө көнөсүң, айткан сөзгө көнбөсөң, чынын айтып коёюн, кан Көбөштөн өлөсүң» деген сөзүнө Каныкей: «уурдап алчу катын жок, урушпай чапчу баатыр жок, баркыма жетпейт,тийбеймин, баатыр да болсо сүйбөймүн, чамам келсе, тийбеймин, чаркым келсе сүйбөймүн! Уялсаңчы эки акмак, арачыга келгенден» деп жуучуларды канжар менен кууп чыгат.Манастын жарынын көөдөнүн намыс тепкен жалтанбастыгына жана «хандын» эркине баш ийбеген багынбас нравасына кылыч менен найзаны каршы коюудан башка Көбөштүн айласы калбайт. Экөөнүн ортосунда кандуу кагылыш болуп өтөт.

«Качырлардын арасында тулпар карып, каргалардын арасында шумкар карып» дегендей, ой жүгүртүү образы, жан дүйнө түзүлүшү бөлөк, руху бийик намыскөй Каныкейдин «бытовизмдин» сазына тыгылган Көбөш көрпенденин чөйрөсүндө жашашы мындан ары карай мүмкүн эмес эле. Каныкей өлкөсүн таштап, бешиктеги Семетейин бооруна көтөрүп, Букарга  кетүүнү артык көрөт.

Өзүнө ыңгайлуулук, комфорт издебей, көшөкөрлөнбөй, жанына тынч жайлуу жерди көздөбөй, кандай гана шарт, кыйынчылык, коркунуч болбосун аброюн, абийирин бирөөлөргө тепсетпей, инсандык ар-намыстын байрагын жогору кармаган Каныкейдей, жанагы  Тилекмат Акедей асылдар, анан дагы кыргызынын намысы үчүн сексен жашында күрөшкө түшүп, Жолойду жеңип, элине мөөрөй алып берген «Манастагы» эр Кошой сыяктуу патриоттор тукумдарыбызга үлгү жана сыймыктануунун предмети болуп келет.  Ар нерсенин таянычы, тиреги болот; кереге таянычы – жер; уук таянычы – кереге; түндүк таянычы – уук; адамдын таянычы – ар-намыс, делет кыргызда. Ар-намысты тирек кылган  жогорудагыдай рух улуулугу – улут уңгусун сактаган кенч.

Сөз аягында атактуу Сарт Акенин: «Түптүү элде наркнуска, салт, үрп-адат, адеп-ыйбаа туруктуу. Муну тутунбаган адам нарксыз, нускасыз. Мындай адам эл-журттан ажырайт. Эл-журттан ажырабас үчүн ар бир адам ата мурастарынын – салттын, нарк-нусканын, үрп-адаттын алдында милдеткер. Бул ыйык түшүнүктөрдү бойго сиңирүү, дилинде баалап ыйык сактоо – жоопкерчиликтин жоопкерчилиги» (Иманов А. Мойт Аке, Сарт Аке, Тилекмат чечен.-Каракол-2009, 60бет) – деген нуска сөзү эске түшөт. Ошондой элдин түптүү салтында, нарк-насилинде илгертен туруктуу жашап келе жаткан, улам муундардын боюна сиңирилип, алардын дилинде ыйык сакталып отурган  жана бүгүнкү күндө да калк менталитетинде активдүү «жүрөк кагып» турган адеп-ахлак дөөлөтү – бул ар-намыстуулук. Кыргыз эли ушундай ар-намыстуу касиетинен улам эгемендүүлүк жылдарында эки жолу революция жасап, адилетсиз мамлекеттик бийликти үстүнөн силкип таштады. Ак калпак калк акыйкатсыз үстөмдүктүн алдында басынып жашоону эч убакта каалабаган. Эркиндик – тоо бүркүтүнө окшогон кыргыздардын ыйык дөөлөтү. Эркиндикти коргоо («Эркин болбосоң, жашооң бүркөлгөн күндөй болот» – Сарт Аке) кыргыз баласынын ар-намысынын иши. Илгери «Алуучу калмак сен эмес, алдырчу  кыргыз  мен  эмес, чабуучу  кытай  сен эмес, чаптырчу  кыргыз мен эмес» деп, эл-жеринин чегинде бекем турган Манас Атанын азыркы урпактары ата-бабаларынын ар-намыстуу салтын улап, Ала-Тоо мекенинин эгемендүүлүгүн  сак-сактап кайтарып турат.

Касиеттүү Ала-Тоодо улуу Манастын, Каныкей эненин, Тилекмат Акенин, Жаңыл Мырзалардын намыскөй руху жашап турганда, кыргыз журтунун келечеги кең.

XXVI. МАХАБАТ

Жаштарыбызда кенедейинен улуттук аң сезимди, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүнү, улуттук ар намысты, тарыхый эстутумду түптөө жарытылуу колго алынбагандыктан урпактарыбыз өз тарых тамырына чоочун болуп, маңкурттук илдетке чалдыгып, чет өлкөлүк бөтөн өрнөктөргө жүгүнүшүүдө. Маселен, жылдын 14-февралында кыргыздын уланы-кызы дебей жапырт көтөрүлүп, мектептерде болобу, жогорку окуу жайларында болобу, батыштан экспорттолуп келген «Валентин күнүн» майрамдоону адатка айлантып баратышат. Бул көрүнүштү көргөн чет өлкөлүк турист же мейман кыргыз өлкөсүнүн өзүнүн туу туткан баалуулуктары жокпу деген күдүктүү ойго келбей койбосо керек. А чындыгында кыргыз тарыхы жалындаган ак жаркын махабаттын улуу өрнөктөрүнө бай. Бир кезде Расул Гамзатов: «Дагестандын ар бир айылында Ромео менен Жулетталар болгон. Бирок аларды даңктаган Шекспир гана болгон эмес», – деп жазган эле. Мунун сыңарындай, кыргыз ичинде да, аңыз болуп айтылып келе жаткан махабат мажмундары жетишээрлик. Ал мажнундардын тарыхы Ромео, Жулетталардын, «Валентиндердин» баянынан ашса ашат, асты кем калбайт. «Бар бол сүйүү, баарыбызды жараткан, бар бол сүйүү, баарыбызды таңгалткан!» деп кыргыз акыны бекер ырдап жаткан жок. Эмесе, жаштарга сабак иретинде «Манас» эпосунан бир таңгалычтуу улуу махабаттын тарыхын кыскача баяндап туруп, анан тиешелүү тыянагыбызды чыгаралы. Ал улуу сүйүүнүн баяны мындайча:

Бакай жаш кезинде Чамбыл-Бел аймагында жүрүп, түркмөндөрдүн Карач деген ханынын Көрпаян аттуу кызын сүйүп калат. Көрпаян да Бакайга ашык болуп, махабат өртүнө кабылат. Күндүзү оюнан, уктаса түшүнөн кетпей, бири-бирине куштар-кумар болуп сүйүшкөн Бакай менен Көрпаян үй-бүлө куруп, тагдырларын түбөлүк бириктирүүгө умтулушат. Бирок тилекке каршы, Көрпаяндын атасы хан Карачтын каалаганы башка экен. Бул чөлкөмдө үй-бүлө курууну сүйүшкөн эки адамдын каалоосу, көөдөндөгү көксөөсү, жүрөктөрүнүн буйругу чечпейт экен. Кыздын жекече эрки, жекече чечими деген болбойт экен. Көрпаяндын кимге өмүрлүк жар болорун хан Карач жана анын иниси Жаналы чечет экен. Махабатка ушул экөөнөн уруксат алыш керек экен. Личность, анын өз алдынчалыгы, жекече чечими, өз бетинче кадам жасоого укуктуулугу, өз таалайын өзү табуу деген ыйык түшүнүктөр менен ойлонууга өсүп келе элек патриархалдык Чамбыл-Бел аймагынын менталитети ушундай экен. Ушундан улам эки жаштын романтикалык сүйүүсүнүн драмасы, кайгы-касирети башталат. Даражалуу касталык ой-сезимди туу туткан хан Карач иниси Жаналы экөө шарият-салт менен алдына түшсө да болбой, жетим, тентиген кыргызга (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Бакай алты айында энесинен, бир жашында атасынан ажырап жетим калып, жаш кезинде далай эл-жерди кыдырган.) Көрпаянды берүүдөн караманча баш тартып, Бакайды курал менен кубалап жок кылууга ашыгышат.

Бакай Көрпаянга жете албай, нечендеген азаптуу күндөрдү, уйкусуз түндөрдү баштан өткөрөт. «Көрпаянга жете албай, капа болом бир далай, ай түгөнүп жыл өткөн, азаптуу мынча күн өткөн, кызыталак куу жалган,  Бакайга кызыгын көрчү минеткен», – деп Бакай сыздап турат.

Көрпаянды сүйгөнү ушунчалык деңиз, махабат мүдөөсү адамча жайчылык жол менен ишке ашпасын түшүнгөн Бакай сүйгөн кызын күч менен алуу үчүн Карач кан менен согушууга барат. Бирок канчалык баатыр болсо да, жалгыз адамдын колунан эмне келет. Бакай:

Көрпаяндын айынан

Жекеге чыга барышып,

Жети күн тынбай сайышып,

Арык кылдым ыргалтып,

Астымда тулпар малымды, Алалбай калдым ушинтип, Акыреттик жарымды.

Көрпаянды алалбай,

Тилегиме баралбай,

Ай-талаага түшкөмүн,

Ай, жалгыздык, сени – деп,

Бармагымды тиштедим, – деп өткөнүн эскерип, Манас менен кырк чорого арманын айтып турат. Акыры, айла жок, Бакай Карач кандын жерин таштап чыгып кетиптир. Ошондо, Көрпаян бөдөнөдөй көзүнөн бөлөк-бөлөк жаш куюлтуп, кулундай «туйлап, өөдө-төмөн чыңырып» ыйлайт. Аргасыз Бакайдан ажырап жатып, арманы аттын башындай болгон Көрпаян сени жети жыл күтөм деп зарлап, дагы көз жашын төгөт.

Бакайдын «сыр ачуусунан» андан ары төмөнкүдөй драмалуу жагдайдан кабар алабыз. Бакайдын айтып турган сөзүн тыңшайлы:

Атасынын өзүнө

Жуучу түшүп жан келип,

Аламын, – деп бейбакты,

Туш-туш жактан кан келип,

Жашылала суп көйнөк

Кийбей койду, – деп уктум,

Башымды кессең мейлиң, – деп, Тийбей койду, – деп уктум.

Андан бери далай жыл өтсө да, Көрпаян турмушка чыкпай, атасынын төрүндө «кара далы» болуп отурат. Үңүлүп баам салсак, ушул кичинекей ыр түрмөгүнөн бүтүндөй бир адамдын мүнөзүн, руханий турпатын жана махабатынын күчүн көрүүгө болот. Көрпаян атасына куда бололу деп келген далай хандардын дөөлөтүнө, атак-даңкына, алтын-күмүшүнө азгырылбаптыр. Атасынын тилине көнбөгөндүктөн улам үй-бүлөдө келип чыккан конфликт кызга канчалык психологиялык азаптарды алып келбеди дейсиң. Көрпаяндын ички драмасы, өрттөнүп күйгөн жан дүйнөсү айтылбаса да сезилип турат. Бул жерде Бакайдай акылман жигиттин асыл жан дүйнөсүн баалай билген Көрпаяндын руханиятынын жана интеллектисинин бийиктиги да ачык туюлуп турат. Көрпаян өзүнүн акыл-эс жана руханий-нравалык өнүгүшү жагынан өз чөйрөсүнөн өйдө көтөрүлгөн өзгөчө жан экен. Бакай аны «ургаачынын мыктысы, касиеттүү жан эле», деп кырк чоронун алдында бекеринен көкөлөтүп жаткан жок. «Башымды кессең мейлиң», деген сөзүнөн Көрпаяндын беттегенин бербеген көктүгүн, чечкиндүүлүгүн, Бакайга болгон сүйүүсүнүн чексиз тереңдигин, өзүнүн махабатына ак бойдон калган аруулугун, адамдык туруктуулугун көрүп турабыз. Саптардын подтекстинен көптүн арасындагы жалгыздыктын трагизми жана алды жактан күдөр үзбөгөн үмүт жарыгы сезилет.

Дале болсо, тагдырдан үмүт кылып, Кудайдан жакшылык тилеп, ушу күнгө чейин өзүн күтүп жүргөн Көрпаянды ойлоп, Бакай:

Ашыкты таштап, Манас, – деп, Ар жылга кеткен мен кандай?

Асылым Бакай келет, – деп,

Арман менен күн санап, Боздоп жүргөн ал кандай?

Бакай кан, – деп зарланып,

Күйүп жүргөн ал кандай?

Күнүм келип жете албай, Күүлөнгөн Бакай мен кандай, – деп Манаска карап, көөдөнүнөн көк түтүн бурулдатып, күйүтүнө чыдабай тегеренип кетет.

Карасаң ушу күнгө чейин Бакай да үйлөнбөй жалгыз. Буга чейин согушта жеңилген тарап канча ирет айдай сулуу бийкечтерди кыргыздарга тартууга берди. Бакай алардын бирине да көңүл бурган жок. Үйлөнсөм деп бир да аялзатына назарын түшүргөн эмес. Анын жүрөгү бир гана Көрпаян деп согуп калган. Махабаттын айынан башка ургаачыны көрбөй, көзү «көр» болгон Бакай ботосун жоготкон ингендей бир гана Көрпаян деп боздоп келиптир. Акыры, Манас менен Чамбыл-Белден өтүп баратып Бакай чыдабай: «Башкадан эми көөнүм ток, тиктегеним Көрпаян, ошондон башка дартым жок», – деп жүрөк сырын Манаска айтып отурат.

Күтпөгөн жерден досунун сүйүү тарыхын, арман-күйүтүн укканда, Манас буга кандай реакция жасады? Муну билиш үчүн төмөнкү саптарды өз көзүбүз менен окуйлу:

«Асыл Бакай, абаке,

Бүгүн айттың чыныңды,

Казыр айттың жан аба,

Көөдөндөгү сырыңды,

Жанаалы, Карач – эки кан

Деген сөзгө көнбөсө,

Көрпаянды бербесе, Буласын булап аламын, Бузукту чогуу саламын.

Аккула тулпар, Айбанбоз

Алмак-салмак минемин,

Айткан сөзгө көнбөсө,

Көрпаянды бербесе,

Айдап, кырып баарысын,

Мекеге чейин сүрөмүн!»

Бакайдын сыр төгүүсүн (исповедь) угуп, катуу толкунданган Манас өзүнүн алысты көргөн акылы аркылуу Бакай менен Көрпаяндын туюкка кептелип турган кырдаалы кандай кадамга муктаж экендигин дароо көрдү. Азуусун айга жанып турган кыргыз Ажосу добулбасын дүңгүрөтө бир уруп, кыраан кырк чоросун Чамбыл-Белдеги кара мүртөз Карач ханга каршы көтөрдү.

Сөздү кыскартып, акыркы натыйжаны айтсак, кырк чородон кыргын таап кала жаздап, жеңилген Карач хан менен Жанаалы камчыларын моюндарына салып, Манастын алдында төрт бүгүлүп кечирим сурап: «Башыбызды аман коюңуз, бизди букара кылып алыңыз, алтымыш кундуз, миң жамбы алым алып туруңуз, «кыз жакшысы Көрпаян, тартууга аны берели», – дешип жалынып-жалбарып, жан соогалашат.

Бакай үчүн жарк этип капыстан күн чыккандай болот. Эки адамдын армандуу махабатынын көп жылдык чиеленген түйүнү күтүүсүздөн, мына ушинтип, оң жагына чечилет. Көрпаян сулууну «адими торко кийгизип, Артору тулпарга мингизип», Бакайга кошуп, Таласка аттантышат.

Айкөл Манас досу Бакайга ушинтип, эстен кеткис чоң жакшылык кылат. Махабат мажнундарын «көздөн учкан көк жээктерине» жеткизет.

«Олжо катын» болуп кетти, деп Чамбыл-Белдегилер ушактап жатышса да, сүйгөнүнө кошулуп, Таласка кетип бараткан жолдо Көрпаяндын ичинде кандай майрам, кандай улуу той болуп, махабаттын жеңиши салтанаттап жаткандыгын, ал эми Бакайдын өңүмбү же түшүмбү, деп дендароо болуп, бакытка чакап кетип бараткандыгын көз алдыга элестете берели.

«Манастын» ичиндеги бул дастанда биз үйрөнө турган кандай таалим-сабак, тарбиялык маңыз бар? Бакай менен Көрпаяндын махабат тарыхы – бул сүйүүдөгү туруктуулуктун, адеп-актыктын, сүйгөн адамына акыр-аягына чейин ак жана түз бойдон калуунун, өзүнүн махабат бактаалайы үчүн буюктурган бурганактарга жана бороондорго жалтанбай көкүрөк тоскон рухий каармандыктын, максат артынан кууган өжөрлүктүн үлгүсү. Бул окуя караңгылыкка камаса, жылчыктан жарыкты шыкаалаган улуу үмүттүн, айланасына коргон салса, алкакты жарып чыккан ак сүйүүнүн, жерге көмсө, ак соё болуп өнүп чыккан ашыглык күчүнүн символу сыяктуу көрүнөт.

Манас баатырдын Чамбыл-Белдеги Карач канга каршы жасаган аскердик акциясы Бакай менен Көрпаяндын махабатына карата алганда, өзүнүн терең гуманизми менен айырмаланат. Анткени аскердик акция зордук-зомбулукка таянган кара күчтү ооздуктоо үчүн жана махабатка, жакшылыкка жол ачуу үчүн жасалды.

Чыныгы махабатты поэтизациялагандыгы жана тунук сүйүүгө карата акыйкат мамиленин жасалыш зарылчылыгы жөнүндөгү идеяны даңазалагандыгы – «Манас» эпосунун мазмунунун гуманисттик бийиктигинин көрсөткүчү.

Карагыла «Манастагы» Бакай менен Көрпаяндын укмуштуу махабат тарыхы батыш менен чыгыштын аңыз болуп айтылган атактуу сүйүү баяндарынан эмнеси кем? Тескеринче, ашып-ташкан күчү боюнча, аларга тең, ашса ашат, кем калбайт. Анан калса, биздеги Манас менен Каныкейдин, Семетей менен Айчүрөктүн, Олжөбай менен Кишимжандын, Аксаткын менен Кулмырзанын, Акмөөр менен Болоттун, Токтогул менен Алымкандын, Канат менен Заринанын алолооп күйгөн сүйүүлөрүн эстейличи. Буларга удаа өзүбүздүн чыгыштын Лайли менен Мажнун, Фархад менен Ширин, Төлөгөн менен Кызжибек сыяктуу махабат каармандарын эске түшүрөлү. Ушундай суктанып, тамшанып-таңгалдыра турган улуу сүйүү өрнөктөрүбүз турса, өз баркыбызды билбей, өз тарыхыбызды тепселеп, өз кыртышыбыздагы баа жеткис кенчтерибизди унутуп, чоочун «Валентин күнүн» билимчидей ээрчип, тыштан экспорттолгон азгырыктардын «тактекесине» айланып жатканыбыз улуттук ар намысты жоготкон кулчулук эмей эмне? Мисалы, эл озунда ылакап болуп айтылган, тарыхта реалдуу жашап, кийин эпостун каарманына айланып кетишкен Олжобай менен Кишимжанды алалычы. Эки ашыктын өлүмүнө себепкер болгон Кудакенин тукумдары азыр Кыргызстанда жашап жатат. Олжобай өлгөндө Кишимжандын күйүттөн өрттөнүп, канжер менен жүрөккө сайынып, сүйгөнүнүн үстүнө жыгылган Жийдели деген жер, азыр да Жийдели деп аталат. Жийделини жергиликтүү айыл эли бүгүн ыйык жай катары кастарлашат. Эпос боюнча эки ашык өлгөн жерден кош чынар өсүп чыгып, анын түбүнөн кош булак агып калган.

Бул экөөнүн сүйүүсүнүн өлбөстүгүнүн белгиси. Биз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин «Олжобай менен Кишимжан сүйүүнүн ыйык символу, сүйүү Кудайына айланган каармандар тарыхый адамдар эмеспи» деп жазганына толук кошулабыз. Эгерде сүйүү күнүн белгилөө зарыл болсо, анда бир датаны шарттуу кабыл алып, Олжобай менен Кишимжандын күнүн белгилөө ылайлык болмок. Ошондо биз чет өлкөнү белимчи сыяктуу туурабай, өз наркыбызды билип, өз кыртышыбызда татыктуу да, сыймыктуу да, намыстуу да тура турган болобуз.

Ушул жерден бир ойду айта кетүүнүн зарылдыгы бар, 2006-жылы апрель айындагы кыргыз телеберүүсүнөн тартууланган бир көрсөтүүдө 5-6 кыргыз улутундагы өспүрүмгө «эгер кайра төрөлүп калсаң, ким болор элең?» деген суроо берилгендиги, берилген ушул суроолорго окуучулардын биринин артынан бири француз болгум келет, орус болууну каалайм, немис болгум келет, англичан болгум келет деп жооп беришкендиги коомчулуктун көз алдында турат. Бул балдар бир гана кыргыз болууну каалабайт. Өзүнүн улуттук тарыхый тамырын тааныбаган, өзүнүн бир боор улутуна таандык болгондугу менен сыймыктана албаган, өйдөдөгү немис, орус, англичанин болгусу келген өспүрүмдөрдү жана жанагы «компьютер баштуу» (Муктар Шаханов) тукумдарды бир жагынан күнөөлөш да кыйын. Күнөө бул жерде ошол балдарды кичинекейинен жетелеп «тарбиялап» келе жаткан чоңдордо, жеткинчектердин акыл-эсинде тарыхый эстутумду, улутмандыкты өз учурунда жаратып, түзө албаган, алардын жан дүйнөсүнө патриоттук, атуулдук-граждандык ар-намыс сезимин  сиңире албаган, «мен кыргызмын» деген рух өзөгүн жарата албаган биздин коомдук тарбиясынын алсыздыгында дээр элем. Улуу акын Нурмолдо кезегинде таалим-тарбияга байланыштуу мындай деген экен: «Бала деген ушундай, колуңдагы кушуңдай, таптаганга жараша, түшүм берет кызылдай». Ырасында эле, улуттук идеалдардын жана дөөлөттөрдүн нугунда Нурмолдо айткандай, балдарыбыз тапталбаса, муундарыбыздын жан дүйнөсү кыргыз элинин эркиндиги, бактысы үчүн кылымдар бою күрөшүп келген Манас баштаган баатыр ата-бабаларынын, маселен, Ба кайдын, Кошойдун, Чубактын, Сыргактын,  Барсбектин, Жаңыл Мырзанын, Кубат бийдин, Жайыл баатырдын, Тайлак баатырдын, Курманжан датканын, Алымбек датканын, Абдыкерим Сыдыковдун, Жусуп Абдрахмановдун, көкүрөгүн дзотко тоскон Чолпонбай баатырдын, Исхак Раззаковдун жана башка Ата-Журтубуздун сандаган чыгаан уул-кыздарынын атуулдук-патриоттук каармандыгы менен жуурулушпаса, албетте, дагы айталы, алар чет өлкөдөн экспорттолгон массалык маданияттын кулу болушат. Аларда өз эл-журтунун тарыхы менен сыймыктануу сезими кайдан болот?

Муундарга тарыхый эстутумду түптөөнүн ата-бабалар жараткан салты жөнүндө кийинки темада сөз болот.

Умтулуп алга кетсең да, Уюткуң сакта, кыргызым. Капиталга жетсең да, Каадаңды сакта кыргызым. Өйдөгө канат каксаң да, Өзөгүң сакта кыргызым.

Көкөлөп учуп чыксаң да,

Көрөңгөң сакта кыргызым.

XXVII. ЭМГЕКЧИЛДИК, МЭЭНЕТКЕЧТИК

Тоталитардык системанын доорунда биздин  жарандардын көбүндө бир көнүмүш адаттын калыптанганы ырас эле. Бул – тыштан келген идеяларга, жогортон түшүрүлгөн көрсөтмөлөргө, империялык борбордо даярдалган белен стандарттарга ориентация жасоо. Коммунист кыргыз өз жергесинде өз алдынча чыгармачыл сочинение жазганга эмес, Кремль тараптан чыккан диктовка менен «диктант» жазганга көбүрөөк ык алган болучу.  Бүгүнкү күндө кээ бир ак калпакчан атуулдардын кыргыздар эмгекчилдиктин өрнөгүн кытайлардан, япондордон, немистерден же дуңган, корейлерден үйрөнүшү зарыл деп газеталарга жазышкандарына, телеэкрандан сүйлөгөндөрүнө күбөбүз. Мындай ойлор биздин чөйрөдөгү чет жактагы белен үлгүлөргө механикалык түрдө түздөнүп көнгөн адаттын инерциясы деп ойлойбуз. А чындыгында, кыргыздын өзүнүн улуттук коломтосунда алтынга алмашкыс ажайып кенчдөөлөттөр, эмгек, эмгекчилдик, мээнеткечтик жөнүндө «сакадай бою сары алтын» асыл нарктар, эң сонун элдик тажырыйба, тарых-таржымал, сабак-нускалар уюп жатат. Мына, улутубуздун улуу мурасы – «Манаска» карайлы.

Кытай-калмак  ханы баскынчы  Алоокенин кандуу алааматынын айынан  Ала-Тоодон зордук менен ажыратылып, кул, туткун катары, ач-жылаңач, азып-тозуп Алтайга  сүрүлүп келген кыргыздар «Алдыга салса ак жолтой, сүйлөгөнү – жарыя, калың кыргыз ичинде, кадыры бийик карыя» Акбалтанын айланасына баш кошкон. Дагы айталы, «Колу артына байланып, кой ордуна айдалып» карып болуп, не кыларын билбей, айласы куруп турган элге кайрылып, Акбалта: «Медер кылып жүрүүчү, белгилүү кыргыз  элиң жок, керүүгө тиккен багың жок, керсейип жүрөр чагың жок, талаага тиккен багың жок, дардайып жатар чагың жок, эмгек кыл балдар, эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оёлу, жан аябай турушуп, аябай жанды багалы, кара жер менен урушуп» – деп  жалындуу чакырык таштап, арып-азган боордошторунун аман калышын дыйканчылык кылуудан көрүп, көпчүлүктү артынан ээрчитип, аларды өлбөй тирүү калуу өздөрүнүн колунда экендигине ишендирип, «кара жер менен урушууну» (дыйканчылык ишин) чечкиндүү түрдө уюштурат. Акбалтанын демилгесин Ороздунун уулу Жакып: «Азып келген кыргыздар, Акбалта тилин алалы, агызып терди маңдайдан, аштыкты кенен салалы, кайгынын баарын коёлу, кара жерди биз быйыл, кетмендеп жатып оёлу», – деп катуу колдойт. Бир сөз менен айтканда, кыргыздар түн уйкусун, күн тынымын билбей, өмүр же өлүм деп «төбөсү менен жер казган» өжөр эмгек-мээнеттин натыйжасында ачкачылыктан, жакырчылыктан чыгышып, акыры экономикалык жактан бутуна турушуп, өздөрүн өздөрү сактап калууга жетишишет. Ороздунун уулу Жакып кырк миң жылкы күтүүгө, сандыгын сары алтынга толтурууга үлгүрөт. Мына ошентип, кыргыздар Алтайда  ченде жок күжүрмөндүүлүк жана өжөрлүк ме нен кара жерден ырыскы, бак-таалай табуунун өрнөгүн көрсөтөт.

Алтайдагы кыргыздардын өжөр эмгегинин натыйжасы жөнүндө Эл мугалими Бектур Исаков төмөндөгүдөй оюн ортого салат: «Ошентип Акбалтанын акылы аркылуу кыргыздар байып калышты. Ал эми мындай бакыбат, бардар, бай болуудан эмнени аңдап билүүгө болот?

Төмөндөгүлөргө сереп салыңыз: 1.Кара калмак, манжуу журтка тең ата болуп жашай алат дегендик.  2. Кырк үйлүү журт чогуу-чаран жашап, тилин, салт-санаасын, ырым-жырымын  өз алдынча жүргүзө алат дегендик. 3.Башка эл-журт менен алыш-бериш, ар кандай мамиле жүргүзүүгө кудурети жетет дегендик. 4.Бир топ кыйынчылыктарды материалдык байлыктын күчү менен жеңип кете алат дегендик. 5. Күндөлүк турмушу үчүн гана эмес, келечектеги укум-тукум үчүн кам көрө алууга мүмкүнчүлүгү бар дегендик. Демек, кыргыздар акыл, ал аркылуу адал мээнет менен байлык топтоонун аркасында кара калмак, манжуу журтка сиңип кетпей, өзүнүн улуттук ажарын, табигый түр өзгөчөлүктөрүн сактап калышкан» (Б.Исаков. Кыргыздар элдигин кантип сактап калган? – Бишкек, «Учкун», 2006, 16-17-беттер).

Алтайдагы кыргыздардын  тагдыр кылдын кырында кылтылдап турганда, оор кризистен кантип чыкканы бүгүнкү биздин тукумдарыбызга  орчундуу сабак. Жанагындай, кээ бир ак калпакчан атуулдардын кыргыздар эмгекчилдиктин өрнөгүн япондордон, же дуңган, корейлерден алуу зарыл деген компетентсиз ойлоруна карата биз, тескерисинче, азыркы кыргыз жарандарына эмгекчилдиктин, күн-түн тынбаган мээнеттин үлгүсүн дал ушул «Манастан» алуу керек деп айтаар элек. Алтайдагы кыргыздардын мээнеткечтиги, керек болсо, япондорго деле сабак. Экономикалык жактан оңолуш үчүн өрнөкүлгүнү башка жактардан эмес, өз бир боор кыртышыңдан издегениң, алганың эп, өз рухий мурасыңдын философиясын терең үйрөнгөнүң жөн дегибиз бар. «Манаста» кыргыз жери – Ала-Тоо «береке экен, бел экен, пенде көрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс-кен экен», – деп мүнөздөлөт. Бирок айта турган нерсе, албетте, ушул жерди адам жөн эле конуштаса эле, жердесе эле ал өзүнөн-өзү ырыска тунуп, бай болуп калбас. «Манастын» көркөмдүк-образдык логикасынан ушул жерди барктапбаалап, кадырына жетип, чекеден тер агызган ак эмгек менен бул жерди кетмендеп иштетип, өйдөдөгү Алтайга ооп барган кыргыздарчылап Ала-Тоодо «төбөсү менен жер казып», түйшүктөнсө гана адам ырыс-кешикке, түгөнбөс береке-байлыкка ээ болмок деген идея чыгып турат. А азыр эгемендүүлүктүн учурунда болсо, минтүүнүн ордуна «жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы» делген берекелүү асыл жерибизди таштап, оңой табылчу оокат издеп, бакытты башка жактан табам деп, чоочун жактарга тентип кетип жатышкан кыргыз жарандарынын тагдыры таң калычтуу да, аянычтуу да, өкүнүчтүү да. Ошол эле учурда мына бу катарыбыздагы дунган туугандар эч жакка жер которуп кетпей эле, дыйканчылык мээнети менен бакытты кыргыз жеринен таап жатышат го.

«Манастагы» «эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат» деген корутундудан улам ата-бабаларыбыз эмгек деген нерсени материалдык молчулуктун, татыктуу, таалайлуу жашоонун улуу куралы катары карагандыгын туябыз. Жокчулук, кедейлик кендирди кесет, канатыңды жайылтпайт, уучуңду узартпайт. Ошон үчүн илгеркилер «Манастын» осуяттарынын духунда «Жоктун жону катуу», «Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет», «Ач киши урушчаак, арык кой тырышчаак», «Өрүш малдуу – дасторкон майлуу» «Даны жоктун – наны жок, наны жоктун – жаны жок», деп жакырчылыкты жамандык катары санаган накылдарды бизге калтырган. Ушундан улам элибиз «Ачтын аңы жүрбөйт» деп, өп-чап жашоодон, итке минген кедейчиликтен кутулуунун аргасын издеп, бардар турмушка, майкөл-сүткөл жашоого, ырыс-кешиктүү оокатка (жогорудагы алтайлык кыргыздарды эстеңиз) умтулуп келген. Ошондуктан «Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт», «Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди», «Эгин айдоо – байлык айдоо» деген насыйкаттар тукумдарга калган. Ал эми жетиштүү, мартабалуу турмушка жеткире турган байлыкты табыш тын, күтүштүн жолун калкыбыз жанагинтип, күн-түн тер төккөн чаалыкпас эмгектен, талыкпас мээнеттен көрүп, «кулча иштеп, бийче же», «Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот», «Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер», «Эмгеги аздын өнмөгү аз», «Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт», «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» деген алтынга алмаштыргыс насааттарды урпактарына мурастап туруп, бул дүйнөдөн көчүшүптүр.

Мына ушинтип, эмгектин культу, эмгек идеологиясы өзүбүздүн рух казынабызда, «Манаста» турат. Кыргыздардын эмгекчилдиги, айрыкча устачылык, кол өнөрчүлүк жагындагы артыкчылыктары илгертен айлана-тегеректеги калктарга даңаза боло келген. Буга тарыхый маалыматтар да күбө өтүп турат.  Маселен, «Байыркы мезгилден бүгүнкүгө чейинки Сибирь тарыхы» аттуу эмгекте: «Орто Енисейдеги кыргыздарда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Анын ичинде металл иштетүү биринчи орунда турган» – деп жазылат.

Улуу «Манас» эпосунда күн-түн тынбаган ак эмгектин, маңдайдан тер шорголоткон адал мээнеттин аркасында эл-журтка атагы чыккан адамдар  көкөлөтө даңкталат. Буга байланыштуу  «Манастагы» атактуу Бөлөкбай устаны  аргасыздан эске түшүрөбүз. Манас баатырдын «учун кайкы чыгарган, ууга аябай сугарган, түн ичинде сууруса, өрт күйгөндөй кызарган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» албарс кылычын, «камыш кыйып каптаган, тарамышка чаптаган, темирин сегиз кырдаган, он эки түрдүү сырдаган,  учун ууга сугарган, бөрү тил мизин чыгарган, шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган» керемет сыр найзасын жасаган теңдешсиз чебер уста Бөлөкбайдын укмуштуу өнөрү жана чаалыкпас эмгекчилдиги адамды таңгалдырбай койбойт. Ошондой эле, журттун ичиндеги колунан көөр төгүлгөн усталарды, жез оймок уздарды, көзгө атар мергендерди, балбандарды жана башка түркүн өнөрлүүлөрдү чогултуп, алардын күчүн уюштуруп, эл үчүн маңдайдан тер агызган мээнетке чегип,  өзү да белин оорутуп, колун жоорутуп, көз майын коротуп, айлап-жылдап түйшүккө белчесинен батып, узак эмгектенип, Манастын кырк чоросу жана кошууну үчүн аскердик курал-жарактарды, аспап-шаймандарды, жоо кийимдерин,  гүлазык, дары-дармекти шайма-шай даярдаган калк энеси Каныкейдин даңазасы эпосто бийик добуш менен жар салынат. Чаалыкпас эмгек-мээнеттин натыйжасында эсепсиз байлыкка ээ болгон атактуу Көкөтөй бай «Манаста»: «Тогуз миң токсон жылкым бар, токсон миң беш жүз коюм бар» – деп, өзүнүн таман акы маңдай-тери менен ээ болгон байлыгына сыймыктана мактанып турат.

Кыскасын айтканда, эл турмушунун энциклопедиясыулуу рух казынабыз «Манас» бизге эмгек – жашоонун пайдубалы, ийгиликтин ачкычы, ырыскы-таалай, берекенин булагы, атак-даңктын атасы, «эмгек – эрдин көркү, эр – элдин көркү» деген философияны тартуулайт. Илгери ырын да ырдаган, Манасты да айткан акын  Жеңижок бир ырында эмгек жөнүндөгү өзүнүн оюн чегине жеткире минтип таасын айткан: «Адал эмгек – динибиз, ата-баба – пирибиз, өмүрү бүтпөйт тирилик, жаралган адам эмгектен, жарыша иштеп, түрүнүп». Акындын ою боюнча адамды адам кылып жараткан эмгек экен. Мындай ой адам баласынын жаралышындагы эмгектин ролу  жөнүндөгү дүйнөлүк акылман ойлор менен үндөшүп турат. Адамды адам кылып эмгек жаратып жаткандан кийин инсан эмгекти кантип дин катары, туу катары тутунбай коё алат? Демек, адал эмгектин кулу болуу – адамдын адеп-ахлагынын көрсөткүчү. Жеңижок чыгармаларында даңазалап ырдаган колунан көөрү төгүлгөн, албан түрдүү буюмдарга не бир кооз кыял-сүрөттөрдү чөгөргөн, жез оймок, «ак болот ийне саптаган, ак макмал көрпө каптаган» эмгекчил керемет уздар – суктануубуздун предмети, руханий сулуулуктун символу. Эмгекке сыйынуу, эмгекти дин тутуу философиясын, адал эмгекти жер үстүндөгү баардык жакшылыктардын булагы катары эсептеген даанышмандыкты жана адеп-ахлакты Жеңижок атабыз кезегинде улуу «Манастан» мурастап алган.

Ошону менен бирге «Манаста» эмгек этпей, мээнет тартпастан даяр оокаттын үстүндө ойноп-күлгөн бекерпоздук, куурай башын сындырбай, белен эт-майдын үстүндө чалчаңдаган эркелик сынга алынат. Буга «топозу токсон миң болгон» ошол эле хан Көкөтөйдүн баласы Бокмурундун образы күбө. Бокмурун  кара жумуш деген эмне эке нин билбей, түйшүк тартып түйшөлбөй, алтын-күмүшкө бөлөнүп, «ак кол» болуп, эрке талтаң чоңоёт. Бирок эмгексиз эрке өскөн Бокмурунга эс кирбейт. Чоңоюп жигит болсо да, турмуштун өйдө-төмөнүн, ысык-суугун көрбөгөндүктөн Бокмурун эч нерсенин баркын билбейт. Мына, Бокмурундун өзүнүн сөзүн тыңшай кетели:  «Эркелик менен ар качан, эртеден кечке уктадым,  эркелик менен жаш жүрүп, эчтеме туйбай мас жүрүп, эл кадырын билбедим!» «Эрке бала эрте бузулат» деп элде айтылгандай, атасы өлүм алдында жатса, Бокмурун кыз издеп Ооганга кетип калат. Ал үчүн баары жеңил, баары оңой, баары текейдей арзан. Бүгүнкү күндө биздин айылдарыбызда, шаарларыбызда ата-энесине жүк болуп, куурай башын сындырбай, бөтөлкө, нашаа менен дос болуп, көчө таптаган бейадеп жаштар, анан калса даярдын үстүндө шапар тепкен Бокмурунга окшогон эркелер азбы? Шапар тепмек демекчи, кенедей түйшүк  тартпай, ак  нандын үстүндө эрке өсүп,  «карга баласын аппагым дейт» дегендей, үстүнө үзүлүп түшкөн бай атасынын долларына ысуулап, эчтекеге эмгеги өтпөй туруп, укмуштуудай кымбат машинада чалкалап-чалчаңдаган бүгүнкү эсирген өспүрүмдөр кимге тааныш эмес. Жакшы деген эмне, жаман деген эмне деген менен иши жок, көздөрү тумандаган мындай жаштар канчалаган адамдарды  «жиптери» менен койдуруп кетип, анан атасынын байлыгынын күчү менен жазадан кутулуп кетип жатышат.  Ушундай эмгексиз, мээнетсиз Бокмурундардын чардаган жайлары-сауналар, түнкү клубдар, казинолор. «Мушташуу, бирин-бири курал менен коркутуу,  зордуктоо  мунун баары түнкү клубдарда болот. Чириген байлардын балдары келип, клубка киришип, атайын сулуу кыздарды карап, жанында жигити болсо да, аны коркутуу жолу менен кызды алып чыгып, эч ким жок жерге алпарышып, зордукташат»  («Мекен» газетасы, 6-марть, 2013-жыл).  Мынакей, бардыгын  арзан көргөн, оңой көргөн, жатып ичээр болуп, белендин  үстүндө, турмуштун өйдө-төмөнү менен иши жок, эрке-талтаң өскөн чүрпөлөрдүн чоңойгондогу  «адеп-ахлагы». Бул турмуштук фактылар адам тукумдары эмгектен ажырап калганда, аны ыйык тутпай калганда, бекерчиликти, жанбактылыкты, эркеликти  жанына жолдош кылган кезде кандайча адептик-ыймандык деградацияга учурап бүлүнөөрүн  тастыктайт.

Улуу «Манас» илгерки жана кийинки замандардын Бокмурундарынын илдеттерине альтернатива тартуулагандыгы менен кымбат.  Жанагы Алтайдагы  Жакып ата менен Чыйырды энени  кайрадан эстесек. Кырк миң жылкылуу бай ата-энени жалгыз бала Манасты канаттарынын алдына калкалап, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей, куурай башын сындыртпай, Бокмурун сыяктуу эркелетип өстүрүүлөрү мүмкүн эле. Бирок Жакып менен Чыйырдынын ойлоо образы башка болучу. Алар «Мээнет менен жан багыш – адамдыктын белгиси» деген эл накылынын нугунда ойлонгон инсандар. Алтайдын АкТалаасына айдалып келген бир ууч кыргыз менен бирге, итке минген жакырчылыкка, ачкачылыкка туш болуп, бирок акыры өз күчтөрү, өз таман акы маңдай терлери менен бутуна турган Жакып менен Чыйырды эмгек деген нерсенин баркын жакшы түшүнгөн. Жакып менен Чыйырды эмгектин баланы тотуктуруучу, бышыктыруучу, чыйралтуучу күчүн, жашынан мээнеттүү болсо, чоңойгондо дөөлөттүү болорун, бала кичинесинен эмгекке жатыкса, башына бакыт конорун өз тажрыйбалары аркылуу терең билишкен кишилерден эле. Мына ошон үчүн бала Манастын тарбия-таалим үчүн койчу Ошпурга берилиши Жакып менен Чыйырды үчүн кандайдыр бир кокустук эмес, толук мыйзам-ченемдүү нерсе болучу. Мына ошентип, Манас Ошпурдун колунда төрт жыл жүрүп, 12 жашка келет. Кыскасы, малчылыктын кыйын-кезең, түмөн түйшүктүү жумушу бала Манастын «балтыр эти толуп», тотугушуна, кагылып-согулушуна, жаштайынан турмушка күйдүм-быштым болушуна, «кайралып-бүлөнүшүнө» чоң сүрөө болуп, жемиштүү таасирин тийгизген. «Окуган билбейт, токуган билет» дегендей, Манас өзүнчө турмуштук тажрыйба күтүп, эмгек мектебинен Жакып атасы күткөндөй, «сөз айтууга жатыгып, сөөгү бышып катыгып»  чыкты. Ошпурдун колунда жүргөн кездеги тарбия-таалимден чыккан  натыйжа «Манаста» бир-эки сап менен: «Ошпурга барып эр болду, эр уулу менен тең болду» деп жыйынтыкталат.

Кыскасы, бир сөз менен айтканда, «Манас» дастан биринчи иретте, эмгек бул баланы адам катары калыптандыруунун, киши кылуунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден бир жолу, анын эрешен тартып эр болушунун, эр уулу менен тең болушунун күчтүү куралы, андыктан чүрпөнү эмгекке жатыктырууну анын «уядагы» кезинен, «көк бүчүр», «тал чыбык» учурунан баштоо зарыл деген үлкөн педагогикалык нусканы бизге осуят катары калтырган.

Кыскасы, элдик казынабыздагы нарктардын ичинен эмгек эң жогорку асылбаа дөөлөт. «Адамды адам кылып баккан эмгек, алтынды сансыз кылып тапкан эмгек» (Жоомарт). Эмгек идеологиясын бөтөн жактардан эмес,  өз коломтоңдон изде. «Басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин» дегендей, ырыскыны «жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы» деген Ала-Тооңдон тап. «Териң төгүп жерге жак» (Арстанбек).

Эмгектин эки жолку баатыры, кыргыздын каарман кызылчачы кызы Зууракан  Кайназарова элибиздин эмгекчилдигинин өзүнчө бир  символу дегибиз келет.

Жандуу турмуштун мисалы катары бул жерде улуу акын Тоголок Молдо атабыздын үлгүсүн да айтып өтпөсөк болбос. Тоголок Молдонун «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсили эл ичинде ылакап болуп айтылып келет. Акын жалкоолук илдетке альтернатива катары мээнеткечтикти, эмгекчилдикти карама-каршы койгон. Ушул эмгекчилдик сапат жагынан Тоголок Молдо өмүр бою өзгөлөргө өрнөк болгон. Жаш кезиндеги мээнеткечтигин айтпаган күндө да, ал жетимиштен өтүп, каруу-күчтөн тайып калган кезинде да күн-түн тынбаган түйшүк менен жашаган. Сөзүбүз далилдүү болуш үчүн улуу инсандын замандаштарына сөз берели: «Молдокем күнү-күн дебей, түнү-түн дебей чыгармаларын жазат. Түнкүсүн бир оокумга чейин чыракты коюп алып отурганы отурган. Ошондо молдокемдин эмгекчилдигине, чыдамкайлыгына, чыгармачылыкка ашкере берилген адам экенине көзүм жеткен» (Ишенаалы Разакул уулу).  «Молдокемди эстегенде, биринчи иретте анын тынымсыз жазып отурган чүкөдөй бою көз алдыма келет. Эрикпей да, чаалыкпай окуп, жазып отура берген ноюбас кишини мен андан кийин деле көргөнүм жок» (Бексултан Кыдырмыш уулу). Мына ушундай күндүзү тыным албаган, түндөсү кара чырактын алдында тирмейип уктабаган түйшүк-мээнети менен акын океандай «Манасты», «Семетейдин», «Сейтектин» толук вариантын, «Жаңыл Мырза», «Шырдакбек», «Эр Эшим», «Мендирман» дастандарын, «Кыргыз тарыхы», «Тарых, түпкү аталар» сыяктуу санжыраларды кагазга түшүрүп, алтынга алмашкыс мүлктөрдү элине, кийинки муундарга белек кылып калтырып кеткен. Караңгычылык, сабатсыздык кезде, кара чырак менен жашаган элет шартында жасаган Тоголок Молдонун мындай эмгектик жана руханий эрдиги таазим кылууга татыктуу.

Улуттук очогубуздагы эмгек күжүрмөндүүлүгүнүн улуу өрнөктөрүн туу кылып, «карууну казык, башты токмок» кылып мээнеттенип, өзүбүздү да, өлкөбүздү да гүлдөтүү биздин колубузда.

XXVIII. СӨЗ МЕНЕН ИШТИН ТӨПТҮГҮ

Сөз менен иштин биримдиги кечээки ата-бабаларыбыздын моралында адамды баалоонун негизги чен-өлчөмү болуп келген, бүгүнкү күндүн этикасында да, бул нерсе инсандын адеп-ахлактуулугунун башкы критерийлеринин бири. Буга байланыштуу эл ичинде  «Эрдин сөзү эки эмес», «Эрдин мыктысы ишинен билинет», «Сөзүң менен ишиң айкалышсын», «Сөз – үрөн, иш – мөмө»,  «Жакшы адамдын сөзү менен иши бир» деген сыяктуу кишиге алдын ала багыт берип, талап койгон макалдар жашап келет. Кишинин сүйлөгөн сөзү, берген убадасы, шерти, анты кургак сөз, куру чечендик бойдон калса, анда мындай оозу менен орок оргон пендеге  «Сөзгө – баатыр, ишке – бакыр», «Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе», «Сөзү калса талаада, өзү калат балаага», «Куру сөздүү куу чечен, учуп жүргөн камгактай» деген  сыяктуу макалдардын ачуу жебесин багыттап келген.

«Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн, Аткарбасам антымды, Төшү түктүү жер урсун!

Көкө Теңир өзү урсун!»

Манастын эл-жердин эгемендүүлүгү жөнүндөгү идеяишеними тил учунда жашаган жалган ураан эмес эле. Бул ишеним бала кезинен Манастын аң-сезимине тамырлаган, жүрөк-жүлүнүн уялаган, кан-жанына таралган, өзү менен өзөктөш ишеним болучу. Мына ошондуктан жогорудагы Ата-Журт жөнүндөгү Ант Манастын тилинин учунан эмес, жан түпкүрүнөн кайнап чыккан, жүрөгүнүн толтосунан атылып чыккан моралдык  чындык. Мындай жүрөккө тамырлаган ички ишенимдин чындыгынан, Анттан баш тартуу кыйын. Анткени бул үчүн өзүңдүн жүрөгүңдү айырышың керек. Бул  өзүңдү өзүң «айрыганга» тете. Бул Манас үчүн мүмкүн эмес. Мына ошондуктан Манас өзүнүн анты үчүн башын канжыгага байлап, өрт кечип, кар бороонду беттеп, эркиндик үчүн күрөшкө чыккан. Акыры чачылганды жыйнаган. Үзүлгөндү улаган «Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган». «Калкым Кыргыз сен үчүн кырман болуп кетейин» деген сөзү төгүн эмес экен. Чынында эле элинин бактысы үчүн Манас өзүн курмандыкка чалды. Убада шертин аткаруу үчүн аттанып чыккан азаптуу жолдо мойнуна ай балта чабылып, белине найза сайылып, алган жараатынан мезгилинен эрте бул дүйнө менен коштошту. Бирок шер Манастын ааламда жок каармандыгы жана эрдиги аркылуу Кыргыз эли кайрадан Ала-Тоого жыйналып, өз алдынча журт болуп, азаттыкка чыгып, эгемендүү мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп эңсеген мүдөөсүнө жеткен.

Сөз менен иштин айкалышы жөнүндөгү жалпы адамзаттык моралдык норманы алып жүргөн каарман катары Манастын образы дүйнөлүк универсалдуу өрнөктүн дара жасына көтөрүлүп турат десек жаңылышпайбыз.

Калыгул бала күнүнөн тарта эле жаратылышынан гумандуу, жан дүйнөсү жаңжалды, кан төккөн катаалдыкты кабыл албаган, адилеттүүлүк сезими сергек жан болгон. Кийин да өмүр бою зордук, зулумдук менен келише албай, адилетсиздикке сөзү менен гана эмес, өзүнүн реалдуу жүрүм-туруму менен да каршы туруп, айлана-тегерегине гумандуу адеп-ахлактын өрнөгүн жайылткан.

Ички ынанымы менен жүрүм-туруму Манас Атаныкындай шайкеш чыккан, айкөл шердин моралдык-рухий салтын улаган инсандар турмушта көп болгон. Ошондой Манас урпактарынын бири 19-кылымда жашап өткөн акылман Калыгул Бай уулу болгон. Ал, чындыкты адилдикти туу кылып, жашоо-турмушта өзүн ошол ишенимине ылайык алып жүрүп, сөзү менен иши дайыма төп чыккандыгы менен атагы элге жайылган.

Калыгул бала күнүнөн тарта эле жаратылышынан гумандуу, жан дүйнөсү жаңжалды, кан төккөн катаалдыкты кабыл албаган, адилеттүүлүк сезими сергек жан болгон. Кийин да өмүр бою зордук, зулумдук менен келише албай, адилетсиздикке сөзү менен гана эмес, өзүнүн реалдуу жүрүм-туруму менен да каршы туруп, айлана-тегерегине гумандуу адеп-ахлактын өрнөгүн жайылткан.

Калыгул «Бул дүйнөдө не карып» деп суроо коюп, кайра ага өз убагында, «Айтылбаган сөз карып» деп жооп берген. Калыгул жалтанбай, түз бетке айткан, акыйкат чындыкты жашырып «карып» кылбаган руху баатыр киши болгон. Анын өзүнүн «Мейли жаман көрө бер, дегеле айтпай койбоймун, катар-катар лөктү айтам, калп айтпаган төптү айтам» деген сөздөрү буга далил.

Тарыхчы Белек Солтоноев минтип жазат: «Анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиелешкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан маселени адилеттүүлүк менен чечкен». Мына ушундай инсандык нравалык бийик сапатынан улам учурунда эл ичине «Кара кылды как жарган Калыгулдай калыс бол» деген лакап сөз тараган. Бүгүнкү коррупцияга малынган сот системасы үчүн Калыгул бийдин сөз менен жүрүм-турумдун биримдигин алып жүргөн мындай асыл өрнөгү үйрөнө турган сабак.

Элдин таяна турган эки тиреги бар, биринчиси – баатыр, экинчиси – акылман деген калк ичинде келе жаткан сөз бар. Акылман Калыгулдун рух мурастары – биздин тирегибиз. Акылман атабыздын рух дайрасынын суусунан кана ичүү – ар бирибиздин адеп-ахлак жактан жаңыланышыбыздын өбөлгөсү.

Бүгүнкү күндө адамдардын адеп-ахлагында сөз менен иштин ажырымдыгы күчөп, жоопкерчилик деген нерсе дефицит болуп, эки жүздүүлүк, жүрүм-турумдун кош стандарттуулугу активдешип турганда, кооз сөздөрдөн, кургак убада-ураандардан маска кийген шылуундар жаандан кийинки козу карындай көбөйүп жатканда, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган, сөзү менен иши айкалышып турган Манас атанын, Калыгулдун атуулдук адеп-ахлагы биз үчүн маңдайда жаркырап күйгөн нравалык маяк экени чындык.

XXIX. АДИЛЕТТҮҮЛҮК, КАЛЫСТЫК

Манас Ата, акылман Бакай кыргыз элинин адеп-ахлак салтындагы адилеттүүлүк, калыстык сыяктуу улуу сапаттарды да өз бойлорунда алып жүрүшөт. Экөө душмандын аскери менен беттешкенде каардуу, эл-журтка чыккынчылык кылгандарга катаал. Калган учурларда алар адилеттүү, калыс. Бээжинге казатка бараткан жолдо жердин уусун, элдин сырын билген Алмамбетке хандыкты өткөрүп берип, Бакай калыстык кылат. Манас жеңилген жоонун карапайым элине кылыч көтөрбөй, адилеттүүлүк кылат. Жеңилген Орго хандын калкын талоондон сактап, жайына коёт. Жан соога сурап, алдына келген Оргонун аялы Санамкүлгө адилет мамиле жасайт. Урушка кирер алдында жоокерлерге: «Жамандык кылба, жан кыйба, жесир калган баарысы, жетим уул, тул катынга, айтканым алсаң эсиңе, жетилсин сенин урматың» – деп айтып, талоончулукка жана зордукчулукка жол бербөөнүн за рылдыгын эскертет.

Ушул жерден «Манас» эпосунун башталышындагы Алооке хандын кыргыздарга салган алааматы эске түшпөй койбойт. Алооке кыргызды кызыл-кыргын кылып, мекенинен ажыратып, туш-тушка чилче таратып, тентитпеди беле. Мына, келме-кезек деген чын экен. Эми ошондой тагдыр Алоокенин өзүнүн башына түшүп, Бээжинге Манас чабуул коюп келип отурат. Бирок Алооке хандын карамүртөздүгүн, ааламда жок катаалдыгын Манас Бээжинде кайталаган жок. Ал жоонун аскердик машинасын гана кыйратты. Элине тийген жок. Жеңилген Алооке менен Коңурбайдын эли-журтуна жеңүүчүлөр тараптан гумандуу мамиле жасалды. Мунун өзү кыргыз элинин, анын уулдары Бакайдын, Манастын рухунун айкөлдүгүн, адилеттүүлүгүн, гуманизмин айкындап турбайбы.

Манастын адилеттүүлүгү, Бакайдын калыстыгы улуу ойчул Калыгул Бай улуунун жүрүм-турумунда улангандыгын көрөбүз.

Белек Солтоноев минтип жазат: «Анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиелешкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос тамыр, өз жатка карабастан маселен адилеттүүлүк менен чечкен». Мына ушундай инсандык нравалык бийик сапатынан улам учурунда эл ичине «Кара кылды как жарган Калыгулдай калыс бол» деген лакап сөз тараган.

Тоголок Молдонун адеп-ахлак баалуулуктар системасында чынчылдык, адилеттүүлүк, калыстык сапаттар ардакталып эң бийик орунга коюлат. Сөз акында:

Кай адам өзү адил, сөзү калыс, Жолунан залимдиктин болгон алыс. Башына кылыч кармап турса дагы, Болбойду эч убакта сөзүн таныш. «Калыс» деп бул адамга атак койгон, Калыстык сөзү үчүн атап койгон. Алданбайт мал, дүйнөгө чын калыстар, Кетирбейт калыстыгын акыл-ойдон.

Бул куплеттердеги адамдык образ Тоголок Молдо үчүн жогорку моралдык өрнөк, идеал. Акын жер үстүндө ушундай адеп-ахлак жактан өркүндөп жетилген адамдар көп болсо деп эңсеген. Чынында эле адамдардын өз ара мамилелери ар дайым изден тайбай чындыкка, калыстыкка, адилеттүүлүккө негизделип курулуп турса, пенделер жамаатында татынакай гармония жашап турбайт беле. Тилекке каршы турмушта адамдар тарабынан өйдөдөгү моралдык эреже-мыйзамдар адат катары тез, тез бузулуп, коомдогу инсандар аралык алака-катыштардын мүнөзүнө гармония эмес, көбүрөөк дисгармония тиешелүү болуп келе жатат.

Мындай мисалдар калк ичинде арбын. Адилеттүүлүк, калыстык ак калпак калктын аздектеген уңгулуу баалуулугу. Ушул баалуулуктун талабынан чыгып, эгемендүүлүктүн жылдарында элибиз адилетсиз башкарууну үч жолу көңтөрүп таштады го.

Өлкөнү адилеттүү башкарган Исхак Раззаков, өздөрүнүн жүрүм-турумунда адилеттүүлүктөн, калыстыктан тайбаган Ысык-Көлдүн жети Акеси түбөлүк – элдин эсинде калды. Кыргыз коомунун турмушу адилеттүүлүк, калыстык принцибине бекем негизделсе, ата-журтубузда «кой үстүндө торгой жумурткаламак».

Адилеттүүлүк, калыстык, чынчылдык жагынан атактуу куудул Куйручук да айырмаланган. Ал өз заманында адилетсиздикти, жалганды – калпты, калыссыздыкты сатиранын сары таптуу чогуна куйкалаган. Куйручук чындыкты тике айткан адилеттүү, калыс киши болгон. Айтылуу Куудул Шаршен 30-жылдарда Куйручукту мындайча мүнөздөгөн: «Куйручуктун көзү тунук, сөзү курч. Жаасы катуу, тили мурч. Анын алдынан эч ким өтпөйт, аны менен айтышууга эч кимдин дити жетпейт. Жок жерден сөз чыгарган, шооласыз жерден көз чыгарган, жаактууга жеңдирбеген, шамдагайга эңдирбеген, акылдуунун айласын тапкан, алдым-жуттумдун абийирин ачкан, адам баласынын кебетесин көрүп, көңүлдөн чыкпас ат коё билген сөзгө чечен чебер киши эле». (Күмүшалиев К. Алар баштоочулардан болушкан. Фрунзе. Кыргызстан, 1979,195-б.).

Куйручукту улуу акын Токтогул да өтө сыйлап, жо гору баалаган. ХХ кылымдын баш жагында айтылуу Тержайлак жайлоосунда өткөн Райымбектин ашы жөнүндөгү «Көргөнүмдү айтайын» деген ырында Токтогул ашка алыс-жакындан нечен, түркүн меймандардын келгендигин санап ырдап, бирок бир да коноктун ысымын оозанбай, ошончонун ичинен «Сакал-чачы көк ала, буурул келди бул ашка, жарчы башы Куйручук, куудул келди бул ашка», деп жалгыз Куйручуктун гана атын атаган. Мындан улам «Тоо булбулу» Токтогул үчүн ашка келип жаткан, казысы салаңдаган болуш-бийлерге, манаптарга, мансаптууларга караганда, Куйручуктун ысымы бийик жана кымбат экени көрүнүп турат. Ошол Райымбектин ашында Кулжабай аттуу кедейдин карагер аты ат чабышта биринчи келгенде, байгеси эки миң теңге болуп, бирок бул байгенин күлүк ээсине тийбей калганына Токтогул ичинен күйүнүп, Кулжабайга боору ачып, калыстык кайда деп Куйручукка кайрылган. Бул жагдай акындын «Куйручук баатыр кайдасың?» деген ырында мындайча берилген:

Кузгундардын колунан, Байгеси болду коромжу.

Куйручук баатыр, кайдасың?

Тапсаңчы мунун айласын. Көрсө боло кедей да Карагер аттын пайдасын.

Эки миң болсо байгеси, Эки сом тийбей ээсине,

Кетирип салды айласын…

Байкасак, бул жерде Токтогул ашты башкарган үлкөндөргө, колунда бийлиги бар кожоюндарга кайрылбай, айла тап, деп Куйручукка кайрылып жатат. Анткени, Токтогул «жок жерден сөз чыгарган, шооласыз жерден көз чыгарган» (Шаршен), кеби өтүмдүү Куйручуктун эл ичиндеги талашсыз кадыр-баркы менен калыстыкты, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жарап берет деп терең ишенген.

Куйручуктун кимдин алдында болсо да сөздү жалтанбай түз айткан чынчылдыгынан, хандан, бектен кайра тартпаган беткечабарлыгынан, сары тикендей сайылган сатирасынан, кара кылды как жарган калыстыгынан, эл арасындагы аброюнан улам болуш-бийлер куудул менен эсептешүүгө аргасыз болушуп, ага зордук-зомбулук көрсөтүүдөн жалтайлап турушкан.

Шабдан Жантай уулунун досу, кызматташы Байзак даанышман менен Куйручук кезегинде бири-бири менен өзгөчө мамиледе болушкан. Куйручук Байзакты терең баалаган. Анын Байзакка карата: «Бүт кыргызга баркы алтын, Кара-Ойдогу карк алтын, жыгылганды таяган, жыртылганды жамаган, чачылганды кураган» деген ыры калайыкка белгилүү. Ал эми Байзак ажы карыган чагында өзүнүн айтылуу жыйын дөбөсүндө отуруп, Куйручукка мындай деген экен: »Куйручук, сенин басып өткөн жолуң, уккан-көргөнүңдү калпыс айтууга аракеттентпес калыстыгыңдын аркасы менен сени эл тааныйт. Жигитим мага калыс боло албайт, анткени ал дайыма мени менен бирге жүрөт. Сен эртең эле эл арасындасың, чындык да элдин элеги аркылуу сындан өтөт. Эл арасындагы ошол электин алкагын кармагандардын бири сенсиң. Бирок алкагын кармагандардын баары эле Куйручук боло бербейт. Сенин айдаган малың, күткөн дүйнөң – эч кимдин бетине карабай айткан акылдуу курч сөзүң, калыстыгың. Ошол калыстык сени түбөлүккө элге сиңирип коёт». (Абдыхалил Молдалиев Байзактын бул сөзүн кызы Рапиянын оозунан жазып алган) Мына ушинтип, Байзак Куйручукту терең баалап, анын чынчылдыгынын, калыстыгынын, адилеттүүлүгүнүн өлбөстүгүнө көзү жеткен. Эки улуу адам тең дүнүйө-мүлк күткөн эмес. Байзак менен Куйручук үчүн дүнүйө-мүлк эмес, чындык, акыйкат сөз, калыстык, рух эң жогорку дөөлөт болгон. Алар ушуга сыйынышкан.

19-кылымда Теңир-Тоодо акындык жагынан алдына киши чыгарбаган, айтышып ырчы жеңбеген Айтыке деген атактуу ырчы жашап өткөн. Анын акыйкатчыл, калыс, чындыкты бетте айтып ырдаган акын болгондугу эл ичинде аңыз болуп айтылат. «Ушакчынын баарысын, сөзү менен көзгө атты, жаманга уусу бар эле, айткан сөзү шар эле», деп убагында Чоңду акын Айтыкени мүнөздөгөн. Чындыкты бетке айтып ырдаганы үчүн Чүйдүн бир атактуу манабы Айтыкени сууга салдырып, жигиттерине сабаткан экен. Кийин Айтыке кайтыш болгондо, ошол эле Чоңду акын мынтип ырдаган:

Арманда кеттиң Айтыке, Алдыңда тозок жок болсун. Адилет ырчы келди деп,

Бейиштен орун бош болсун.

Мына ушинтип, Чоңду акын Айтыкенин чынчылдыгын, адилеттүүлүгүн, калыстыгын баса көрсөтүп, мындай адилет ырчыга Алла таала бейиштен орун берерине ишенген.

XXX. САБЫРДУУЛУК

Сабырдуулук кыргыз эли аздектеген асыл сапаттардын бири. Сабырдуулук наркы калкыбыздын адеп-ахлак менталитетинин ажырагыс бөлүгү. «Сабырдын түбү сары алтын» деген элдик макалда  сабырдуулук аттуу касиеттин жашоодогу мааниси жана философиясы эң жакшы туюнтулган. Кыргыз эли өзүнүн  байыртан бери келе жаткан тарыхында далай-далай кыйын-кезеңдерди чыдамкайлык, сабырдуулук менен жеңип отуруп, ХХ кылымда өз эгемендүүлүгүнө жетип отурат.

Турмуш деген татаал, миң кырлуу да, миң сырдуу да. Андыктан  турмуштун ар бир карама-каршылыктарына, кыйынчылыктарына, кыйчалыштарына чыдабастык менен мамиле жасап, шашылыш чечимдерди кабыл алып, кылычты дароо шилтеп жиберүүгө болбойт. Минткенде ишти бүлдүрүп алышың мүмкүн. Бул өңдүү жорукка карата «Сабыры жоктун – кадыры жок» – деген макал чыккан.

Элдик даанышмандык бир ишти жасаарда «Жети өлчөп бир кез», «Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен токтот» – деп эскертет. Сабырдуулук акылгөйлүктөн тамырлап чыгат. Акылгөйлүк табылгыс касиет. Анткени адам баласы алдыда турган ишти акыл менен таразалайт, алды-артын ойлойт, маселени «бөгүнөн да, чегинен да, таасынан да, алчысынан» да түшүрүп өкчөйт, калчайт. Анан ашыкпай чечим кабыл алат. Сабырдуулук акылгөйлүктүн туундусу дегенибиз ошо,

Илгери 19-кылымда Кочкордун Кызарт тарабын жердеген, Кокон хандыгынан датка наамын алган,  Медет датка деген  эл бийлеген даанышман, чыгаан адам жашаган. Медет датка  жайдын толуп турган кезинде айтылуу Ормон ханды Соң-Көлгө мейманга  чакырат. Ормон хан Соң-Көлдү мурда көргөн эмес экен, атактуу жайлоонун керемет кооздугуна, ажайыптыгына  суктанып, «бул жер хан жайлачу жер турбайбы» – деп, ичинен  күбүрөнүп, Соң-Көлдү Медет даткадан кызганып да кетет. Мейман болуп бүтүп, аттанаарда Ормон хан сый көргөнүнө карабай, баягы «Ормон опузасын» карматып, «менден уруксатсыз эмне үчүн Соң-Көлдү жайлап жүрөсүң, бул жерди эмнеге мурда мага көргөзгөн эмессиң?» – деп, Медет датканы омуроолоп, төбөсүнө камчы үйрүйт. Ормондун мындай өкүмдүгүнөн улам Медет датка «чарт» жарылбайт. Жергиликтүүлүк кылып, Ормон ханды ызалап коюуга Медет датканын  мүмкүнчүлүгү да бар эле. Бирок Медет датка акыл токтотуп, сабыр кылат. Соң-Көл илгертен ата-бабасы жайлап келген жер болсо да, Меймандын  минтип айтканы чекилик экенин билсе да, Медет датка Ормон ханга: «Күнөө менде ханым, айыбын тартайын» – деп жооп берип, өкүмдар коноктун көңүлүн жибитип, чыр-чатаксыз атказып жиберген экен. Бул жерде Медет датканын өз үйүндө моралдык ыдык көрүп жатканына карабай, өзүн сабырдуу кармап, айлакерлик менен керектүү сөздү таап, абалды курчутпай, конфликтүү кырдаалды тынчтык жол менен жайгаштырып койгон акылгөйлүгү суктантпай койбойт.  Кыскасын айтканда, дегеле сабырдуулук сапатты алып жүргөн Медет даткадай нарктуу, өрнөктүү адамдар биздин тарыхыбызда арбын кездешет.

Сабырдуулук сапатты элибиз өзүнүн жомокторунда, эпосторунда даңазалап келген. Маселен, «Манас», «Семетей» эпосторунда Манас баатырдын ордосун кыйраткан Абыке-Көбөштү тактан кулатуу үчүн Каныкей менен Бакайдын Семетейдин чоңоюшун 12 жыл бою саргайып күткөндөрү эмне деген сабырдуулук. Бул сабырдуулук акыры жеңиш менен аяктабады беле. Ырасында эле «Сабырдын түбү – сары алтын», «Ашыкпаган араба менен коенго жетет» деген накылдар чын тура.

Кыргыз калкынын «Акыл Карачач» жомогунда да, сабырдуулукка өзгөчө басым коюлуп даңкталат. Акыл Карачачтын кайнатасы Жээренче чечен Жаныбек хандын адилетсиз зордукчул буйруктарынан улам дайыма туталанып, айласы кетип, сабырсызданат. Мындай кырдаалда Акыл Карачач кайнатасы  Жээренчени дамамат сабырдуу болууга чакырып турат. Ошону менен бирге Акыл Карачач ашыкпай, өзүн сабырдуу кармап, күнү-түнү ойлонуп, Жаныбек хандын кызылдай кыйноого салган акылга сыйгыз буйрук – тапшырмаларынан кутулуунун, өкүмдарды сөзгө жыгуунун амалдарын издейт. Жомоктон мына бул үзүндүнү окуйлу:

«Дагы тынчып калбады алар. Эртеси кандын дагы бир жигити келип:

  • Бул буйругум эки эмес, отуз күндүн ичинде таштан тарамыш кылып, кумдан өтүк тигип берсин! – деген кандын буйругун айтты.
  • Ээ кокуй, таштан тарамыш, кумдан өтүк болчубу, кулак угуп, көз көрбөгөн мындай нерсе болчубу, мындан көрө көп азаптабай, колунан келип турат өлтүрүп салып, бир жолу жанымды тындырбайбы, – деп Жээренче чечен аябай капа болду.
  • Ата, сабыр кылыңыз. Сабырдын түбү сары алтын, сабыры жок Жаныбек саманын сапырып жатат. Өз калкын өзү кыстап, напсисин бузуп жатат. Аман болсоңуз, мындан арзан кутуласыз, шашпай сабыр кылып отуруңуз, мен сизге айтпадым беле:

Адамды шайтан азгырат, Артык дөөлөт мас кылат. Тумшугу таштай катарда, Тууганы менен кас кылат.

Жалаң эле биз эмес, жандын баарына көзү өтүп, жабыры ашып кетти. Жетим-жесирдин ыйы жетер, ашыгып сабырсыздык кылбаңыз», – деп Акыл Карачач  Жээренче чеченге кайрат айтты.

Жаныбек убада кылган күнгө чейин Акыл Карачач оокатын кылып жүрө берди. Убадасы бүткөн күнү башкача кийинип, түсүн буруп, жооп алмакка Жаныбектин алдына барды.

  • Кан азиретим, бечерачылык кыйын экен, кумдан бир өтүк тиктирип жаттым эле, ага таштан тарамыш табылбады. Сиздин казынаңызда бардыр деп сурап келдим эле, – деп кайрылат.

Жээренчеге айткандары эсинен чыгып калган кан, тигинин суроосуна бир чети күлкүсү келип, экинчи жагынан шылдыңдап жатабы деп жинденип:

  • Сен кандай акмаксың! Дени-кардың, сообу, же жиндисиңби? Кумдан өтүк, таштан тарамыш болчу беле. Эгер шылдыңдап жаткан болсоң, азыр башыңды алдырам, болбосо калжырабай кет! – дейт.
  • Каным, оюңузга кулдук, – дейт Акыл Карачач бетиндеги жамынчысын сыйрып салып. – Сиз буюрган кум өтүк менен таш тарамыштын камында жүрдүм эле, андай болсо кандын буйругунан кутулган турбайбызбы, – деп жүгүнүп, ордунан турат.

Жаныбек кан айтылуу Карачачты көрүп, токтолуп, башка сөз айта албай жер карады. Акыл Карачач үйүнө келип окуяны Жээренче чеченге айтып берди. Кайнатасы келининин акылына тапкычтыгына ыраазы болуп, ага ак батасын берди». («Кыргыз эл жомоктору» китебинен)

Мына ушинтип, өз боюнда сабырдуулук менен акылдуулукту айкалыштырган Акыл Карачач шашылыш, алабарман шилтелген кадамдан сак болуп, өзүнүн токтоолугу, сабырдуулугу жана айлакерлиги менен дөөгүрсүгөн  Жаныбек хандын акылсыз буйругун ашкерелеп, кайнатасы Жээренче чеченди өлүмдөн куткарат.  Бул жомок бизге сабырдуулук менен акылдуулук коюн-колтук алышып айкалышса, туңгуюктан жол табыларын насыйкаттап турат.

Ала-Букадан чыккан атактуу акын Нурмолдо Наркул уулунун бир чыгармасында мындай бул окуя ыр менен баяндалат. Бир адам кызматына кетип баратып, бир үйдүн түбүнөн өтөөрдө үстүңкү терезеден мандемдүү  бир кемпир кир сууну үстүнө төгүп жиберет. Жол ошол үйдүн түбүнөн өткөндүктөн баягы кемпир эртеси да алиги кишиге жугунду сууну дагы чачат. Кийими булганган адам сабыр кылып, унчукпай өтүп кетет. Кир сууну чачкан кемпирдин бул жоругу бир нече жолу кайтаналат. Бир күнү эле баягы кемпир көрүнбөй калат. Буга эмне болду деп, алиги киши сураштырса, кемпир ооруп, төшөккө жатып калган экен. Канча үстүнө суу төксө да, бир да жолу каяша айтпаган, сөкпөгөн чоочун адам кемпирдин ахыбалын сурап үйүнө кирет.  «Жакшы болуп калдыңызбы?» – дегенде, кемпир «сен кимсиң?» дейт. «Мен баягы сиз күнүгө үстүмө кир сууну төккөн адаммын, сыркоолоп жатат дешкенинен ден соолугуңузду сурайын деп кирип калдым» – дейт экен алиги киши. Кемпир ал кишинин мунусуна аябай таңгалып, ичинен ыраазы болот. Ошондон кийин кемпир бул адамга суу чачпай, ичинен ойлонуп, тартипке түшүп калыптыр.

Нурмолдонун чыгармасынан чыгар сабак кайсы? Бул жерде сөз жер үстүндө жашаган бир асыл адамдын сабырдуулугу, үстүнө жаман сууну төгүп жатса, бир да жолу унчукпаган чыдамкайлыгы, залкарлыгы, акыры жамандыкты жакшылык менен жеңгендиги, башкача айтканда, өзүнүн сабырдуулугу менен кемпирге адептик таасирин көрсөтүп, аны оң жолго салганы жөнүндө болуп отурат. Нурмолдонун бул  притчасы сабырдуулук сапаттын кудуреттүү күчү жөнүндө бизди терең ойлондурат.

Төмөндөгү тама, тама отуруп, ташты тешкен тамчы тууралуу ыр – притча да сабырдуулуктун символикасы сыяктуу сезилет:

Тып … тып…

Тамчы тамат ташка бийиктен. Ак булутту жиреп күн жылат, Ак чокуну жанып ай жылат.

Тып… тып…

Жайды-жайлай тама берди, Мезгил жылып ага берди.

Тып… тып…

Жыл артынан жылдар өттү, Таш тажабай тосот төштү.

Тып… Тып…

Дагы далай заман өттү…

Анан көздөр нени көрдү? О керемет, кара муну, Ортосунан таш көзөлдү.

Тып… тып…

Дагы зуулап мезгил жылды, Көрүп алгын бул кызыкты.

Бир күнү эле апаппак гүл, Көзөнөктөн өсүп чыкты.

Тып…

Тамчы токтоп…

Тамчы токтоп акыры,

Мына муну көрчү деп,

Гүл үстүнө уюп калды мөлтүрөп…

Көктөгү күн сүзүп кирди тамчыга, Көздү уялтып, жарк дей түштү айлана.

Тамчы ичине асмандагы ай кирсе, Түн ичинде сүттөй жарык тоо-талаа.

Дүйнө турат кубангандан кол чаба,

Айга айланган,

Күнгө айланган,

Гүлгө айланган тамчыга! …

Тешилген таштын көзөнөгүнөн өсүп чыккан гүл, анын үстүнө тамып токтоп калган мөлтүр тамчы, ага «сүзүп кирген» ай менен күн, тамчыдан айланага чачыраган жарык, сабырдуулук менен айлап-жылдап жасалган түйшүкмээнеттин үзүрү эмеспи. Сабырдын түбү мына ушундай «сары алтын» менен аяктап отурат.

Тамчыдай тажабай тама берүү, максат артынан  кууган өжөрлүк акыры адамга алтын аяктан суу ичирет – притчадан алар сабак ушул го.

Байкасак, баардык нерседе мыйзам ченем бар. Бактагы мөмө-жемиш көк кезинде сабагынан үзүлүп түшпөйт. Аны бышканча күтүп туруу керек. Көк кезинде шашылып үзүп алсаң, ал азык болбойт. Кой-эчкини күчтөп эрте төрөтө албайсың да. Андай, мындай дегиче, ачып көздү жумгуча ийгилик боло койбойт. Бу жарык дүйнөдө бардыгы зарыл тепкичтерди басып өтүүгө тийиш. Коомдук – мамлекеттик иште болобу, жеке иште болобу, жамааттагы, үй-бүлөдөгү өз ара  мамилелерде болобу, башка маданияттар менен болгон алакада болобу, белгилүү бир мыйзам-ченемдерди ашыгып аттап, ийгиликке жете албайсың. Тескерисинче, мүдүрүлүп жыгылышың ажеп эмес. Ошондуктан элдик акылмандык кандай гана иште болбосун, Акыл Карачач сындуу, акылдуу жана сабырдуу болууну, жети өлчөп бир кесүүнү нускалап турат.

«Сабыр – деп сары алтындай бир мүнөз бар,

Сабырдуу, токтоо адам болбойду зар»  – дейт атактуу акыныбыз Тоголок Молдо.

XXXI. ЖАМАНДЫКТЫ ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН ЖЕҢҮҮНҮН ЭТИКАСЫ

Адамдык өз ара алака-мамилелер системасынын алкагында алып караганда, Борбордук Азиялык социумдун менталитетинде, анын ичинде кыргыз калкында да, илгертен бери бири-бирине жанаша, барабар келе жаткан эки көрүнүш бар.

Биринчиси – келип чыккан турмуштук карама-каршылыктуу, көйгөйлүү кырдаалдарда алдыга туруп калган маселелерди авторитардык өкүмдүк менен, күч колдонуп, «ормон опуза», зордук менен чечүү, жамандыктын (зло) каршылыгына жана чабуулуна «жамандыкка – жамандык»,  «канга – кан», «кылычка – кылыч» деген өңдүү принцип менен жооп берүү, күчтүн диктатурасына таянуу.

Экинчиси – маселени, проблемалуу түйүндөрдү тынчтык каражаттар, сабырдуу, чыдамкай мүнөз, сылык амалдар менен чечүүгө, жамандык дегенге «таш менен урганды аш менен ур», «жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок», «кемчилик сенден – кечирмек менден», «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дегендей гумандуу айкөл мамиле-эрежени колдонуу аркылуу утушка жетишүүгө умтулуу. Бул арканды узун таштап, алысты ойлогон гумандуу менталитетке эгедер адамдар жамандыкты жамандык менен, жек көрүүнү жек көрүү менен жоё албайсың, «Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат», «Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың», «Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңет» деген сыяктуу ишенимге бекиген.

Калыгул Бай уулу элдин гуманисттик рух маданиятындагы жамандыкты жакшылык менен жеңүүнүн жогорудагыдай улуу наркын уланткан инсан болгон. Акылман инсан катары Калыгул киши баласынын жаратылышы зилинде мээримге муктаж экендигин, мээрим төгүп мамиле жасагандан улам анын ичиндеги муз эрип, ич дүйнөсү жумшарып, көңүлүнө жаз келип, жүрөгү жибий баштарын, а түгүл адам эмес, жыланды да ташка албастан сылык-сыпаа мамиле жасап, ак чачса, чакпай акырын жылып жолуна түшөрүн, турмушта кылыч кармаган катаалдыкка, орой өкүмдүккө, төбөгө камчы ойноткон залимдикке караганда, колунда «куралы жок» жанагындай рух жоомарттыгы алда канча артык экендигин терең туюнган. Калыгул мына ушундай гуманисттик ынанымын, көз караштык дөөлөтүн Ормон хандын алдында төмөндөгүдөй деп жарыялап турат:

Орой айтсаң адамга жукпайт,

Орой сөздү киши укпайт, Сылык-сыпаа сөз жетет, Ал мээге эмес, жүлүнгө кетет. Түшүндүрүп жай айтсаң,

Уялып, ыраазы болуп кетет.

Түшүнгөн адамга бул жерде ийкемдүү гуманисттик курал менен таасир кылып, кишини ич жактан оң жака козголтуунун бүтүндөй бир программасы берилген. Олуя Калыгулдун ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.

Калыгулдун мындай назик этикасына Ала-Букадан чыккан улуу акын Нурмолдо Наркул уулунун адеп-ахлак идеясы да үндөш. Акындын жан дүйнөсү, акыл-эси, философиясы анын чыгармаларынан күзгүдөн көрүнгөндөй көрүнөрү ырас болсо, анда мындай мыйзамченемдүүлүк Нурмолдонун чыгармачылыгына да тиешелүү. Акындын поэзия ааламына үңүлө караганда, Нурмолдонун кишинин дегеле, жер үстүндөгү өзү өңдүү пенделерге болгон мамилеси, алар менен алака-катышы, диалогу жөнүндө, анын ой-чуңкуру тууралуу көбүрөөк акыл жүгүртүп, толгонгондугу көрүнөөгө чыгып турат. Бул чөйрөдө да таш ыргытсаң, кайра таш аласың, Тескерисинче «Аш берсең – аш аласың», «Бөлтүрүгүн уурдасаң, бөрү да өч алат», «Баарлашкан – билгенге жакшы», «Бирөөгө жамандык салганың – өзүңдү бутуңан чалганың», «Ышкырышса – ынтымак качат, ызаатташса көңүлдү ачат», «Өрдөк жеген каз байлайт», деп насыяттайт Нурмолдо өзүнүн нускоо ырларында. Тирешкенден баарлашкан артык. Баарлашуу азыркыча айтканда, диалог – мынакей эң керектүү инструмент. Окуучу-шакирти Токмолдо өзүнүн акын-педагог устаты Нурмолдо жөнүндө мындай деп эскерет: «Жооп кайтара албай калсак, унчукпай тим койчу. Ушунун өзү башка чапкандай тиер эле. Беттен албачу, такыбачу, урушпачу. Ушинткен сайын биз окууга кызыгабыз». Нурмолдонун мына ушундай башкаларга окшобогон педагогикалык жүрүм-туруму, балдарды өз жайына эркин койгон кенендиги, инсандык маданияты үчүн шакирттери аны терең урматтаган. Кийин атынан айтышпай Нуракебиз деп эскеришкен. Нурмолдо өзүнүн чыгармаларында «жамандар орой көңүлгө, так саларын ойлончу», «сен – деген сенек сөз, сиз – деген сылык сөз», «оң келбейсиң адамга, орой болуш жаман да!» деп сылыксыпаа этиканын зарылдыгын үгүттөп жүрүп, бу дүйнөдөн өткөн. Зордукту, оройлукту өз-ара мамилелердин эрежеси катары кабыл албагандыгы жагынан айтылуу кеменгер Сарт Аке да Нурмолдого ишенимдеш. «Мансабың, зоболоң жогору болсо да, бирөөгө зор болбо, зордук-зомбулук кылба. Анын акыры залал, убал. Көмүр алоолонуп күйбөсө да, көөлөгөнгө жарайт. Зордук-зомбулуктун түбү – көө.  Адамдын шагын сындырып, өзүңө душман кылба. Адамды жек көрүү эч качан жакшылыкка алып барбайт. Жек көрүүнүн акыры касташууга, душмандыкка жеткирет. Адам өзүнө душман издебесе, кекчил болбосун, кечиримдүү болсун. Элдеги: «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген макалдын өзөгү ушунда. «Жакшылык айланып кайра келет» деген кеп бекеринен эмес» деп насыяттаган Сарт Аке (Иманов А. Мойт Аке, Сарт Аке, Тилекмат чечен.-Каракол-2009, 91-бет). Нурмолдо менен Сарт аке «Калоосун тапса кар күйөт»,  «Жылуу сүйлөсө жылан ийнинен чыгат»,  «Атты камчы менен эмес, жем менен айда», «Жакшы сөз таш эритет, жаман сөз баш чиритет», «Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу» деген эл макалдарынын нускоолору менен жашашкан.

19-кылымдын экинчи жарымында жана 20-кылымдын башында Теңир-Тоодо жашап өткөн тарыхый инсан, элдик даанышман Байзак Тооке уулу жогорудагы Түгөлдүн, Калыгулдун, Нурмолдонун гуманисттик адеп-ахлак философиясынын нугунда ойлонгон жана ошол нуктагы реалдуу жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөндүгүн айтып өтөлү.   Кезегинде атактуу акын Калмырза «Эрегишкен тууганды, эп кылган Байзак аманбы?» деп, Байзакка кайрылыптыр. Чынында эле, Байзак табиятынан тубаса дипломат, инсан аралык өз ара мамилелерде, жекече алакаларда абыдан кылдат, токтоо, сабырдуу боло билген, майдачылыктан өйдө көтөрүлүп, маселеге жогортон серп салып, кенен ойлонуп, туюктан жол таба билген айлакер инсан болгон. Иштин артын, келечекти ойлоп, бирөөнүн өзүнө каршы жасаган жоруктарына кечирим менен карап, айкөл чечимдерди кабыл ала билген. Буга Балыкчыдагы Шабдан катышкан чоң топко баратканда Байзактын жигиттеринин атын жыгып алып, Байзактын өзүн ызалап, тентектик кылган Көкүмбай менен Курманга жасаган мамилеси күбө. Балыкчыда чоң жыйын башталганда жаш манаптар Көкүмбай менен Курманды кектебей, Шабданга, жалпы журтка белгилүү кадыр-баркына таянып, аларды чоң топко салып, өч албай, кайра тескерисинче, эки тентекти ошол чоң топко бирин чыбык кыркарга, экинчисин катчылыкка шайлаттырып, көтөрмөлөгөндүгү көпчүлүктү таң калтырган. «Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши» деген ушул эмеспи. Көкүмбай менен Курман Байзактын мындай айкөлдүгүнө ооздору ачылып, жасаган жоруктарына катуу уялышып, андан кийин Байзакты дайыма урматташып, өмүр бою сыйлап жүрүшкөн. Байзактын жүрүм-турумунда мындай мисалдар арбын. Турмуштук көйгөйлүү  түйүндөрдү, өз ара мамилелердеги карама-каршылыктуу, проблемалуу кырдаалдарды сылык амалдар, тынчтык каражаттар менен жайгаштыра жана чече билген аярлыгын, айлана-чөйрөгө, жамаатка таалим-тарбия боло турган адамдык айырмалуу касиетин, айкөлдүгүн көрүп-билип ынангандыгынан улам атактуу Куйручук Байзакты «Кара-Ойдогу карк алтын,бүт кыргызга баркы алтын» деп мүнөздөгөн.

Жүрүп келе жаткан кептин нугунда кайрадан Калыгул Бай уулуна кайрылалы. Акын-философ Ормон ханга дагы мындай деп кеңешин берет: «Көп казакка аттанба, казактын малын аласың, как талаада каласың». Бул накылдын ичинде бирөөгө ак жеринен тийишип, азапка калтырсаң, анын кезеги айланып кайра өзүңө келет, кыянаттык кыянаттыкты жаратат, казактын малын алып туйтунсаң, анын ичинде кек калат, мунун айынан араздашуу, душмандашуу көбөйөт, зордуктун түбү – кордук деген акыл кенчи уютулган. «Көп кыйнаба кулуңду, угуп жүргүн мунумду, кезек келип калбасын, кегин кокус албасын. Күркүрөгөн Каранар, күчү пилге барабар, кара чымын таласа, талаага баспай тартынаар» – дейт Калыгул, Ормон ханга айткан дагы бир насаатында. Даанышмандын ишарасынан туюлуп тургандай, пендеге күч менен ыдык көрсөтүп кыйноо, коркутуп сесин алуу жолу менен аны тарбиялап оң жолго сала албайсың, кайра анын каршылыгын күчөтөсүң, күркүрөп күчкө таянган «Каранардын» зордугу жамандыкты кара чымындай көбөйтөр. «Каранардын» өзү кайра «кара чымындын» – жамандыктын талоонунда калаар. Мына ушундай ишениминен улам Калыгул тарыхта белгилүү Ормон хандын өлүмүнөн улам келип чыккан кыргыздын эки чоң уруусунун ортосундагы жаңжалды тынчтык жол менен, жарашуунун, жакшылыктын жолу менен чечүүнү сунуштап, көп аракет кылган. Бирок тилекке каршы кара күчтүн «канга – кан» деген эрежеден кайтпай туруп алганы жамандыкты, азап-тозокту Калыгул айткандай, кара чымындай көбөйткөнү бизге белгилүү. «Жакшы болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол, жаманды жууп кетирген» Калыгулдун бул сөздөрү жогорудагыдай айкөл этиканын жашашы үчүн жердей чыдамкай, ноюбас калбаат, көтөрүмдүү, жаман ниеттерди суудай таза пейил менен агарткан асыл касиеттин зарылдыгын каңкуулайт. Жамандыкка кечиримдүүлүк алсыздыктын белгиси эмес, тескерисинче, рух кубаттулугунун жана акыл-эс саламатчылыгынын айгинеси.

Кыргыздын гуманисттик этикалык акыл-эсининин тереңдиги жана аярлыгы кээде ушунчалык, ал адамдар мамилелеринин кылдат жактарын гана эмес, айбандардын дүйнөсүн да жер тыңшаар Маамыттай тыңшап турат. Бул жагынан Ысык-Көлдүк айтылуу Мойт Акенин караңкыны көзөп өтүп, түпкүрдү жарык кылгандай көрөгөч, көсөм сөзүн, адамгерчиликке сугарылган ажайып рухий парасатын алдыга жайбай өттү мүмкүн эмес. Мойт Акени тыңшайлы: «Саяпкери жарашса, күлүккө канат бүткөндөй болот. Мыкты саяпкер күлүктүн табын гана билбестен, күлүктүн көөнүн да табат. Анын эч жерине керт кетирбестен, ичи-тышына кир жугузбастан, күлүк менен кадимкидей баарлашып, кирпигин, жүнүн, туягын, жал-куйругун карап, ысык-суук аралатпай, алдан-күчтөн тайгылтпай, сылап-сыйпап, астейдил барктап-баптап асырайт. Өз тарабынан күлүк да муну сезет, туят. Жылкы жаныбар акылдуу эмеспи. Мына ушунун өзү күлүк менен саяпкердин сүйлөшүүсү болот, өз ара көңүл табышкан саяпкер менен күлүк бири-биринин шагын сындырбайт. Саяпкердин зоболосун көтөрүп, табына келген күлүк көкүлүн желге сапырып, эл көзүнө көрүнүп, көрктүү кенен арыш таштайт. Эгерим, кандайдыр бир себеп менен күлүктүн шамы күйбөй, бактысы ачылбай, мөөрөй алып бере албай калган шартта да, анын шагын сындырбоо керек. Демейде адам муну байкабаганы менен, жылкы жаныбар ээси менен кабарлашып турат. Ошондуктан жылкыны эч качан башка чаппоо керек. Өзгөчө күлүктү башка чапса, анын касиети кайтат, көңүлү сууйт. Ээсине таарынган күлүк, кандай табы келип турса да, чечилип тер төгүп чуркабай коюшу мүмкүн». Мойт Акенин бул сөздөрү эмне деген укмуш сөздөр, не деген акыл керемети! Көрсө, күлүктү күлүк кылган нерсе, ага берилген жем-чөп, толтура тоют эмес, саяпкердин аёолуу адамгерчилиги,  сылап-сыйпаган сылык мамилеси экен. Жарыктык жылкыны күлүк кылган саяпкердин мээрими экен. Бул өзүнчө эле бир ачылышка тете сөз го. Айбанаттын сырын, жан дүйнөсүн түшүнгөн адам асылдыгы. Мойт Акенин бул алтындай акыл асылкечтиги кыргыз рухунун гуманизминин тереңдерди жиреп өсүп отургандыгынын дагы бир улук көрүнүшү.

Кыргызда «бирөөнө урмат-сый тартууласаң, өзүң да урмат-сый көрөсүң» деген  илгертен келе жаткан накыл бар. Ушул накылдын уркун улаган улуу ойлорду, идеяларды жана реалдуу жүрүм-турум өрнөктөрүн жогоруда көрдүк.

Мойт Акенин азыркы сөзүн эске алып айтсак, жан дүйнөдөн нур төккөн мээрим жана акыл айласы менен жылкыны гана эмес, адам баласын да «күлүк» кылып гүлдөтүп, мөөрөй алууга болот. Күн сыяктуу чачырап тийсең, каршыңдагы пенде гүл сыяктуу бажырайып ачылат. Жылуу сөз, назик мамиле, кечиримдүү алака камчы менен качырган катаалдыкка, оройлукка, осолдукка – альтернатива. Катууну жумшак менен алуу, жамандыкты жакшылык менен жеңүү ак калпак калктын менталитетинин ак жаркын жагын айгинелеген асылбаа касиет.

Жыйынтыктап айтканда, өйдөтөгү Калыгулдун, Нурмолдонун, Байзактын, Мойт Акенин этикалык гуманисттик даанышмандыгы Лев Толстой менен Махатма Ганди сыяктуу дүйнөлүк улуу ойчулдардын карышкырга каршы карышкырдын методу менен күрөшүү – акырындап отуруп адамдын өзүнүн карышкырга айланышына алып келе тургандыгы, жамандыкты кара күч менен эмес, балта, мылтык, пушка, түрмө, кылыч менен эмес, сылык, жумшак, назик, гумандуу амалдар менен, жакшылык менен жеңүү  жөнүндөгү айтылуу моралдык философиясы менен түздөн-түз үндөшүп турат. Бүгүнкү күндө жер бетине үгүттөлүп жаткан «зордуксуздук философиясын» (философия ненасилия), «зордук-зомбулуксуз дүйнөнү түзүү» аттуу глобалдык тынчтык кыймылын эске алсак, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги нравалык философия биздин жергиликтүү улуттук кыртышыбызда да узактан бери жашап келаткандыгы сыймыктуу.

XXXII. КЕМЧИЛИКТИ МОЮНГА АЛА БИЛҮҮ,  ӨЗҮН ӨЗҮ СЫН КӨЗ МЕНЕН КАРОО

Бакай ашыкпай ойлонуп, Ажого кеңештерин гана бербестен, мына ушинтип, керек учурда Манаска бетке чабар сынды да айта билет. Ушунусу менен да ажосуна өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот. Ак ниет менен айтылган сын алдамчы кошоматтан канчалык артык.

Бакайдын өзгөчөлүгү акыйкаттын балансы бузулган жерде ал чындыкты чырылдап айтып  чыгат жана аны коргойт. Бакай үчүн чындык, акыйкат Манас досунан да жогору турарына төмөнкү чатактуу окуя да күбө өтүп турат.

Азыркы тил менен айтканда, Манаска оппозиция болгон алиги алты хан Таласка эскертүү кат менен элчилерин жиберишет. Каршылашып кагылышууну көздөгөн алты ханга Манас катуу ачууланып, кызматчыларына буйрук берип: «Абактыга жапкын деп, акылын минтип тапкын деп, ачкадан жатып өлсүн деп, акыретти көрсүн деп», алты элчини абактыга каматып таштайт. Муну угуп «элчи менен жуучуга  өлүм жок» деген илгертен келе жаткан эреженин бузулганына чыдап карап тура албай, Ордого ачууланып чаап жетип келип, «абакеңиз каркылдап, айтып турду баркылдап»:

Кокуй, Манас барсыңбы? Баатыр экен деп жүрсөм,

Коштон чыккан карсыңбы? Алат күн Манас барсыңбы? Арстан Манас деп жүрсөм, Ааламдан чыккан карсыңбы? Жосуну жок сүйлөйсүң, Жолду кантип бийлейсиң?

Баралы жок сүйлөйсүң

Баатыр экен деп жүрсөм Элди кантип бийлейсиң?

Элчиликке өлүм жок!

Жуучулукка кордук жок! Арага келген адамга,

Илгертен бери зордук жок

Чыгаргыла буларды!»

Мына ушинтип, катуу толкунданган абалда Бакай «элчиге өлүм жок» деген  калк аралык эреженин таламын талашып, үнүн өкүм чыгарып, Манаска сын айтат. Бакайдын «чарт жарылганы» бекеринен эмес. Байыртан ата-бабалар кабыл алган калк аралык эрежени этибар албаган этиятсыздык кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аброюна көлөкө түшүрүп, нечендеген эл-журт үмүтүн арткан Таластагы Манас ордонун кадырына шек кетирмек. Бул окуяга Бакай көз жума алмак эмес. Себеби, кайсы бир акылман айткандай, чындыкты жерге көөмп койсо, ал бир күнү сөзсүз жерден өсүп чыгып, албуут күчкө ээ болуп, жолунан кезиккендердин баарын жоготорун Бакай жакшы билет. Элчилердин абакка салынып, кордолуш окуясынын аягы барып, чоң жаманатты сөзгө айланып, Ала-Тоодогу бийлик ордосунун жүзүнө көө жабылышына алып келип, калк аралык алакаларда кыргыздардын эл караган бетин жер каратып коймок.

Бакай ушуну ойлоп, күйүп-бышып, ачууга алдырган Манаска карап, «жер сабап» жатпайбы. Анан айта турган нерсе, Бакай деген бул уяттын, абийирдин адамы. Ал эми уят-абийир деген нерсе, сени эл-журт карап турат деп такай эскертип туруучу ички үн дешет го. Дал ушул үргүлөбөй, дайыма «күзөттө» турган ички үн Бакайдын тынчын алып, айласын түгөтүп туруп алды. Ушундан улам ал Манаска күүлөнүп келип бир тийди.

«Элчиге өлүм жок» деген норма Бакайдын канына сиңип, жан дүйнөсүнө орноп,  уятына айланып калган. Мына ошондуктан ал Манаска сын айтпай коё алмак эмес. Демек, Бакайдын элчилерди коргоп чыгышы тышкы турмуштук зарылчылыктын гана иши эмес, анын ички абийиринин да иши болуп отурат. Ички уят-абийирден чыгып чындыкты коргоо, бекке, ханга, королго, падышага сын айтуу – бул өзүнчө эле бир атуулдук кайратмандык. Бүгүнкү эгемендүү Кыргызстанга Бакай бабабыздын дал ушундай абийирдүүлүгү, уяттуулугу керек болуп турат. Азыркы биздин көп жарандарыбыз, улуусу да, кичүүсү да, байлыктуусу да, бай эмеси да көздү жумуп, чындыкты чыркыратып тепсеп, мансаптууларга көшөкөрлөнүп, акча, алтын издеп, кресло издеп, булгабай, бузбай турган ыйык нерселерди кордоп, өз өлкөсүн баткакка сүйрөп жатышат.

Манас кандай эмоционалдык-психологиялык абалда турбасын, кандай гана кырдаал болбосун, Бакайдын сөзүн эки  дебейт жана абакесинин сынына терикпейт. Манастын мындай жагдайы эпосто «Арстан Манас кабылан, арстандай сойлогон, абасы Бакай айтканын, «макул, аба, макул» деп, эки экен деп койбогон», деп белгиленет. Анткени ал Бакайдын чынчыл мүнөзүн жакшы түшүнөт жана айтса ката айтпастыгын, «караңгыда карсактын изинен» жаңылбас таасындыгын, таамайлыгын мыкты билет. Ошондуктан ал Бакайга күзгү сыяктуу каранып, ар дайым өзүнүн жаза басып, мүдүрүлгөн жерлерин түздөп турат. Бул жолу да ошондой болду. Бакай атынын башын буруп, кетер менен Манас ордунан ыргып туруп, кырк чоросуна кыйкырып, элчилерди чыгаргыла, «абама жакпай калыптыр», деп буйрук кылып, меймандарды камактан чыгартып, жакшы үйгө киргизип, «эриккенче эт берип, кардыкканча кант берип, суусаганда бал берип, казы менен жал берип, орундарын киш кылып, унуткусуз иш кылып» алты  күнү сый көрсөтүп, конок кылат (Шапак Рымендиевдин варианты). Бул жерде белгилейли дегенибиз, Бакайдын сыны жана талабы менен Манастын кетирген катачылыгын оңдошу жана «элчиге өлүм жок» деген калк аралык этиканы тутушу. Манас баатырдын улуу касиеттеринин бири бул – анын өз кемчилигин моюнга ала билгендиги дегибиз бар. Дегеле, Манас Бакай менен Кошой абакелеринин өзүнө карата айткан сындарына айтса айтпаса төгүнбү, деп ар дайым  муюп турат. Өзүнө-өзү сын көз менен кароо  билгилиги Манастын асыл сапаттарынын бири жана бул баатырдын ийгиликтери менен жеңиштерине сүрөө болгон рухий факторлордон десек, жаңылбас элек.

Кыргызда «Жакшы жаңылса өзүнөн көрөт, жаман жаңылса өзгөдөн көрөт» деген сөз бар. Манас өз кемчилигин сезип, аны моюнга ала билген ийкемдүүлүгү менен да айырмаланат. Ал Кошой карыянын: «Манас, Манас дегенде, барбая калат экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая калат экенсиң», – деп жосунсуз жоругу үчүн сын коюп, жемелеп айткан сөзүн туура көрүп, артка кетенчиктеп, үндөбөй муюп, ойлонуп калат.

Манас эч кимден жеңилбес, төгөрөгү төп баатырмын, деп төшүн кагып, эч убакта мактанбайт. Тескеринче, ал өзүнүн кээде бирөөлөрдөн жеңилген учурларын моюнга алып, ал жөнүндө аңгемелеп айтып бергенди өөн көрбөйт. Манастын Каныкейге айткан төмөнкү сөзүн угуп көрөлү:

«Оңбогон Сайкал оңобу Кош колдоп сайды качырып.

Кыз Сайкалдын найзасы

Капшытыма тийгенде

Жер көрүнбөй тунарып, Жерлер көчүп мунарык. Кара жандан түңүлүп,

Өзүмө тийген найзадан,

Астымда буудан Аккула,

Тизелеп жерге бүгүлүп,

Эндирегем Сайкалдан,

Эсимди жыйып табалбай,

Кайрылып найза саялбай…»

Кайрылып найза сая албай, эси эки болгондугун айтып, Кыз Сайкалдын өзүнөн өктөм экендигин, күчтүү экендигин моюнга ала билгендиги бул Манастын улуулугу.

Дагы бир мисал. «Көкөтөйдүн ашында» Калмактын Жолой балбанын беттеп, күрөшкө кыргыз тараптан бир да киши чыкпай койгондо, Кошой Манаска кайрылып, күрөшкө өзүң түшүп, намыска жарап бер дегенде, Манас Кошойго мындай деп жооп берет:

«Кол, бутун чалып жыгууга Эзелден жөөгө жок элем.

Манас, Манас болгону,

Башыма дөөлөт конгону,

Алчайып атка мингени,

Ак олпок тонду кийгени, Сан жыйынга чок элем, Жөөгө топор жок элем».

Манас бул жерде да чындыкты айтып, өзүнүн жөө күрөшкө жок кемчилигин ачык моюнга алып, Кошойдун сунушунан баш тартат.

Азуусун айга жанган ажо, арстандай күркүрөгөн шер болсо да, баары колуман келет деп көкүрөгүн койгулабай, өзүн-өзү сын көз менен карай билгендиги бул Манастын артыкчылык сапаты.

Өз элин, өз журтун сүйүү, урматтоо жалаң эле анын жакшы жактарын көрүп,  кемчиликтерине көз жумуу деген  сөз эмес. «Эгер калк өсөм десе, ал өзүн-өзү даана көрүп, өзүнүн кемчиликтеринен өзү уялып турушу керек» – деген акылгөй сөз бекеринен айтылбагандыр. «Элимди аябастан сындаганым – калкымды ошончулук сүйгөндүгүм» деп да, акын бекер ырдап жаткан жери жок. Эпостогу эң позитивдүү нерсе – бул Манастын образынын сынчыл духту алып жүргөндүгү. Бийик чокуга чыксаң айланаң даана көрүнөт эмеспи. Манастын артыкчылыгы – ушундай, бүркүтчө обого калкып чыгып, ошол бийик акыл-эс кыл чокусунан өз элинин, Ата-Журтунун учукыйырына сын көз менен серп таштай билгендигинде, мекендештеринин кемчилигин көрүп, аны тайманбай бетке айткандыгында. Жалпы калайык-калк, мыктылар, жакшылар кеңешке чогулган жерде Манас көпчүлүккө тике карап туруп:

– Ажал жетпей, күн бүтпөй, Анча эмне жүдөдүң!

Жанына жандын бара албай,

Журтум, жалтак болгон экенсиң, Жабууласа көп калмак,

Коркок болгон экенсиң.

Атамдан калган жер экен, Намысты кыргыз санайбы. Ынтызар болдум алууга Ыспара менен Алайды.

Көрбөгөндү көрүпсүң Көрүнөө көбүң өлүпсүң.

Алдырып коюп калмака,

Намысың жоктон жүрүпсүң – деп, абдан катуу жана ачуу сын айтат. Манас ушундай бетке чабар сынчылдыгы менен көпчүлүктүн көзүн ачып, жарандардын  намысына   тийип, алардын патриоттук сезимин ойготуп, артынан ээрчитет. Манастын чоң жеңиштерге жетишин шарттаган булактардын бири – бул анын өзгө да, өңгөгө да, жеке өзүнө да сын көз менен кароого жөндөмдүүлүгү жана баатырдын өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү күчтүү өнүккөндүгү деп айтсак болот. Эгерде азыркы ак калпак кыргыздардын ар биринде Манас атаныкындай өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү мыкты өнүккөн чынчыл жана сынчыл дух болсо, анда улутубуздун руханий саламатчылыгы бекем болоруна жана анын прогресстин, цивилизациянын жолуна төтө жол менен чыгарына ишенип койсо болот.

Бул жерде Калыгул олуянын да сөзүн эске түшүрүп кетели.

Кемер айтат жармын – деп,

Чымчык айтат кушмун – деп, Чырпык айтат талмын – деп, Эшек айтат малмын – деп.

Бул сөздөр эмнени билгизет?  Баамдасак, өзүнө-өзү сын көз менен кароо идеясы астыртан кыйытылып айтылып жатат. Ар ким өз ордун, өз алын билсе деген ой. Канчалаган пенделер өзүнүн ким экендигине эсеп бербей, көкүрөгүн өргө айдап, өпкөсүн далысына байланып, өзүн бир укмуш сезип, куру элес, кыял менен курсактарын тойгузуп жүрөрү ырас го. Маселен, өзүн бүркүтмүн деп ойлоп алган таранчы бир күнү чоң кырсыкка кабылбай коёбу? Ошон үчүн ар ким өзүнүн ордун, алы-күчүн, абалын туура баалап, өзүнө-өзү сын көз менен мамиле жасап, өзүнө да, өзгөгө да реалисттик көз менен карай билсе, анын иши алдыга карай ылдамдап жылар эле.

Эми өзүн-өзү сындоо багытында төмөнкү окуяга көңүл бөлөлү. Манас Атанын урпагы деп коёлу, бүгүнкү ак калпакчан бир кыргыз карыганча өзүнүн ким экенин билбей жашап жүрөт. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал инсан катары ойгонуп, көзү ачылып, өзүнө-өзү сын көз менен карап, кетирген каталарын туюнуп, туура эмес жолго түшүп жашап келгенин түшүнүп, өкүнүп, өзүн-өзү айыптоого, өзүн-өзү соттоого барат. Эмесе, өзүн-өзү сынга алган ошол улгайган адамдын монологун окуйлу. Муну абийир соту деп атасак болот:

Бурадар эй, тиктеп көрчү, не байкадың  эргулуңдун  өңүнөн? Ооба, ооба, санаа басып, купкуу менин иреңим, бу неликтен?

Неге минтип ант ичкендей кумсарып, бир укмуштуу көрүнөм?

Неге минтип жаш кылгырат көзүмөн?

Оор үшкүрүк чыгат неге сөзүмөн? Айтайынбы ал жайымдын, арманымдын жөнүнөн. Кабар айтсам угасыңбы? Капысынан,

какыраган сайга айланган жан дүйнөмдүн чөлүнөн… О бурадар, бүгүн дүйнөм бүлүнүп,

ич жагымдан ыдыраймын… сөгүлөм… Чамам жетпейт карманарга, айла жоктон алдыңарда чарт жарылам …

Капыс төккөн нөшөр сындуу төгүлөм!..

Энем мени бөлөктөргө, окшошпоо үчүн төрөсө, өзүң издеп тапкан жолдон, бакыт тапкан эрен бол деп, тилек кылып,

ак бешикке бөлөсө, а мен болсом өз бактымды башкаларга окшошуудан көрүпмүн. Бороондорго төшүм тосуп, өз чыйырым өжөрлөнүп издебей, өзгөлөрдүн көндүм ишин, башкалардын баскан изин жата калып өбүпмүн. Даяр жолдо, даяр жөөктө бапестелип багылыпмын, өнүпмүн. Аптаптарга куйкаланбай, албууттанган бурганакта азап чегип уйпаланбай, о мен ойрон,

Жашоо ыңгайын көздөгөнгө көнүпмүн.

Акырында бүгүн киммин? Чынымды айтсам, жер үстүндө басып жүргөн, Мен бир тирүү өлүкмүн!..

Иван  менен кошо болуп, Эшмат менен кучакташып, Ташмат менен кошо конуп, эмне болсо ошо болуп, топтой кошо тоголонуп, бөрү болсо бөрү болуп, түлкү болсо түлкү болуп… Өзгөнү ээрчип, өмүр-жашоом эптепмин. Ачык сөздү айтпаганда нетмекмин. маңкурт болуп башкаларга кошулуп, акыйкатты мен да кошо тепсепмин. Эл намысын талашып, күйгөн оттой жалбырттаган эрлерди, мансаптуулар душман көрүп жектесе, куюшканга кыпчылып, мен да кошо кектепмин… Ах, кантейин, кул экемин ээрчиме, ок атыпмын акка каршы, түкүрүпмүн адалдыктын бетине.

Кызарбаган жүзүм менен жылмышма.

о Кудай ай! Астыртадан, катышыпмын кечиримсиз кылмышка.

Кайран башты этектердин астына, колтуктарга катыпмын. Коңулдарда жаан тийбей, кургак бойдон жатыпмын. О бурадар, абийиримди көр оокатка сатыпмын!

Бу жашоонун тузун, кутун, жалгандыкка кабыландай катылган, арамдыкка Ак келтедей атылган, көрбөптүрмүн жалындаган күрөштөн. Аңдасамчы, кураларын өмүрдүн, Ак жашаган ар бир ирмем, мүнөттөн.

Ай арман ай,

Кара башты калканчтарга далдаалап, бу дүйнөнү тешиктерден шыкаалап, канчалаган намысы жок күн өткөн.

Каңгайларга жер берем деп, Хандар элди кыйнап турса, күйүт күчөп ырбап турса, Үзөңгү-Кууш чырлап турса, мөңгүсүнөн жаш агызып, мөгдөп тоом ыйлап турса, кытай тарап ич жагынан, кытмыр күлүп жыргап турса, ыйык тоом бөтөндөргө кетсин деп, көтөрүпмүн, сынып калгыр, Мобереки колумду. Кожоюнум көзүн кысса, колдоптурмун чоңумду. Колтугунда төрөлөрдүн, көрмөк болуп сонунду… Ойронмун го ошо менен опол тоодой олжо таап, мен ары жок, толтурупмун жогумду. Ушундайча уркум менен о Кудай ай, астыртадан мээлеп туруп, Ата-Журтка атыптырмын огумду!..

Бу заманда ыймансыздык ташкындады жазгы кирген дайрадай, буркулдады кышкы кирген буурадай, Неге мынча бу балекет тайраңдады көрүнөө? Ойлочумун: мындан менде не күнөө?

Көрсө… көрсө…

Кечир мени, о азаптуу мекеним!

Жамандыктын миллиондоп, «төлдөшүнө» катышуучу экемин.

Бул жагынан мен алдыга озупмун. Коңулдарда, колтуктарда «тынч» жүрүп, арамдыкты көбөйтүүгө астыртадан үлүшүмдү кошупмун: Калдайлардын бет алдында, калтыраган түрүм менен, «мыёологон» үнүм менен, мансап, байлык, наамдарга майдаланган сүйүүм менен, кур шаңданган күнүм менен, сыртта акыйкат улуп турса, чындык ыйлап куруп турса, тынч уктаган түнүм менен…

Мындай жашоо  неге зарыл айтсаңчы, бу жалганың ушундайга  алмустактан муктажбы?

Жарык дүйнөң мына ушуга курсантпы?.. Андай болсо жемиштери, натыйжасы кайсы анын, Мына мобу бокко толгон курсакпы?..

Карачы эй, мобереки тоолорду, көөдөн керип, көкөлөшүп бийикке, өргө карай, өйдө карай жүргүн деп, үндөйт сени көрөр менен дароо эле.

Тоом турса бийиктикке чакырып, айткылачы, пас болушка кандай акым бар эле?..

Улуу тоолор өргө үндөсө, куштай эргип, бийиктерге канатымды какпапмын. Кайра ылдыйга балчыктарга секирип, бака болуп кир көлчүктө чардапмын.

Миссионерлер,

Жорулардай, кузгундардай жайнаган, Ак  мөңгүлүү Ала-Тоомо жутунуп… Алкы бузук  бектеримди Арамдыкка тукуруп…

Доллардын азгырыгы учуруп«Тактекеге» жатса айланып чоңдорум,

Чет өлкөлүк  Калдайлардын,  Тузагына тутулуп, Капчыгына жутулуп…

Ат дарбыса мен да дарбып эшекче-

Ич жагымдан бузулуп,

Сезбей-туйбай жатканымды утулуп,

Үлүшүмдү аламын деп Төраганын аркасынан Ээрчиптирмин кутуруп…

Акча-пулдун кызыгына батыпмын,

Четтен келген, мергенчиге кошулуп, Ала-Тоомдун аркарларын атыпмын.

Ак мөңгүнүн алдындагы,

Кендеримди, кенчтеримди сатыпмын.

Ырыскылуу ыйыгымды пулдапмын,

Ак мөңгүдөн агып чыккан Ак булагым булгапмын,

Айылымдын келечегин уурдапмын…

Маңги башым, Ишенгенсиң кимдерге?

Чек арамды ачыпмын ээ,

Бөтөн, чоочун  «жиндерге»Өткөрүпмүн балдарымды  Чет өлкөлүк диндерге!

Тебелеттим чоочундарга дилимди,  Унутупмун, о  мен маңкурт, Манасымдай пиримди.

Өз жеримде бечарага айлантып, Өгөйлөпмүн, өз бир тууган тилимди!

О, бурадар,

Ушу менин уу жуткузган кейишим –

Жерим кана,

Кимге кетти Каркырадай бейишим? Аттиң  аттиң, алмашканмын эмнеге – Анда жаткан Чоң атамдын бейитин?!.

О катүгүн, бу жашоодо булганыпмын, кирдепмин, дүйнө менден башталарын билбепмин. бу дүйнөнүн тазалыгы ар жандын, актыгында сакталарын билбепмин. Көңкү журттун чындыгына, тик караган эки көз, түз сүйлөнгөн жети сөз аруу күнгө алпарарын билбепмин

Ата-Мекен өз тагдырын,

Ар атуулга тапшырарын билбепмин.

Ата журтум ар инсандын,

Абийиринен жакшырарын билбепмин.

Бүркүт болуп төрөлсөм да энемден, кошулбаймын бүркүттөрдүн сабына.

Бүркүт болом айтчы, кайсы арыма! Өмүр бою аңыздарда аң уулап, тоюп келсем чычкандардын канына…

Турам минтип кеч киргенде  өкүнүп, баскан изим бүт жаратпай өчүрүп, бүт жан дүйнөм ыйлап турат өкүрүп!..

О чоң Кудай, кантип мени кечесиң, көзүм өтсө кантип кирем көрүңө. Кантип мени өткөрөсүң, бейишиңдин төрүнө? А мен доңуз, өмүр бою өзүмдү өзүм тозокко даярдасам көрүнөө!..

Өзүн-өзү аябастан айыптаган бул ачуу монологдон кийин каарманыбыздын турмушунда нравалык жаңы бурулуштун, мындайча айтканда, жашоонун жаңы тилкесинин башталарында шек жок. Мындай жүрөктөн чыккан сөздөрдөн кийин бул адам эскиче жашай алмак эмес. Мынакей, сынчыл рухтун ойготуучу жана тазартуучу күчү. Өзүн-өзү аңдап түшүнүү, өз кемчиликтерин жана каталарын моюнга алуу, өзүн-өзү сынга алуу – бул инсандын рухий – адеп-ахлактык жактан жаңылануусунун өбөлгөсү, жаңы жээкке багыт алуунун фактору. Өзүн-өзү сындоосуз өзгөрүү жок. Сынчыл дух Манас Атадан башталган, бул касиет бүгүнкү урпактарда уланууда. Мындай диалектика барда жамаатыбызда моралдык жакшыруу дайыма болуп турмак.

XXXIII. ӨНӨР – БИЛИМ НАРКЫ

1

Кыргыз элинде илгертен эле түркүн өнөрлөрдүн, билимдин баа жеткис асылнарк катары кастарлангандыгын бизге кыргыз эл жомоктору туюндуруп турат. Мисалы «Кемпирдин жети баласы» аттуу байыркы жомоктон үзүндү окуп көрөлү:

«Өткөн замандын биринде бечара кемпирдин жети баласы бар экен жети баласы жети түрдүү өнөр билиптир. Энеси эң мыкты жаа жасатып, аны кимисине берерин билбей: «Балдарым, баарың өнөрүңөрдү айткыла, кимиңдин өнөрүң артык болсо, ошонуңа берейин!» – дейт. Балдары өз билген өнөрлөрүн айта баштады.

  • Энеке, – дейт улуу баласы. – Алп кара куш асманда торгойдой болуп көрүнгөн кезде да ыргыта атамын! – деди.
  • Энеке, мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билемин, – дейт экинчи баласы.
  • Мен эки дүйнөнү алаканга салып койгондой көрүп турам, ар жерде эмне болуп жатканын жаңылбай айтам, – деди үчүнчү баласы.
  • Мен ачка болгон жерде бардан жок кылып, жоктон бар кылып, канча адам болсо да тойгузууга жараймын, – деп калды төртүнчү уулу.
  • Мен кандай чоң дарыя болобу, деңиз болобу, ташкын суубу, көз ачып-жумганча кеме жасап өтөмүн, – деди бешинчи баласы.
  • Мен жеке эле кара жер менен эмес, дарыя-деңиздердин үстүнөн чуркасам да, таманымдан чаң чыгат, – дейт алтынчы уулу.
  • Жоо жакындап кирип келгенде, кара жер жарыл десем жарылып, түбүнө түшүп, өзүм каалаган жерден кайра чыгып, душманымдан кутулуп кетемин, – деп айтты жетинчи кенже баласы.» (Кыргыз эл жомогунан). Кемпирдин жети баласы өздөрүнүн ушул өнөрлөрүн иш жүзүндө далилдеп көрсөтүшөт. Жети уулдун өнөрлөрүн жогору баалаган Болбос аттуу хан өзүнүн хандык тактысын балдарга өткөрүп берген экен. Бул жомок өнөрдүн, билимдин мааниси кыргыз калкында байыртан терең баалангандыгын күбөлөйт.

Манас доорунда кыргыздын музыка өнөрү кыйла өркүндөгөндүгү баамдалат. Эпостогу фактыларды тарыхый булактар ырастаган учурлар арбын. Кытайдын тарыхый хроникаларында энесайлык кыргыздардын  чоор, добулбас, сурнай, керней, ооз комуз, жыгач комуз, чыңыроон, кыяк, коңгуроо, жылаажын, зыңгырама, балдап, балман, дап, жезнай, жекесан, наама ж.б. кырктай музыкалык көптөгөн аспаптары болгондугу жазылып калган («Жаңы Таң жылнаамасы»). Кытайдын тарыхый хроникасынын маалыматынын ырас экендиги «Манас» эпосунан айкын көрүнөт. Маселен, Манас Каныкейди зайыптыкка алмакка Атемир хандын шаарына чоң салтанат менен жөнөгөндө, кудага бараткандардын курамында 100 комузчу, 3 кернейчи, сыбызгы чоор ойногон 37 өнөрпоз, 64 сурнайчы, чымылдак тарткан 50 талант бар. Өзүнчө эле бир чоң оркестр. Өнөрпоздордун алыскы Атемир хандын калаасына жөнөгөн куда жүрүштү шаңдантып, көркүнө чыгарып баратканы эпосто мындайча сүрөттөлөт:

Керней үнү бапылдап, Доол согулуп дапылдап. Сурнай үнү такылдап, Чилмардан кагып шакылдап. Жезнай үнү ызылдап, Комуздун үнүн таңшытып. Кыл кыягын шаңшытып,

Ырчылар ырын ырдашып,

Бара жатат көй баатыр, Атемир кандын шаарына.

Кишинин баары кушубак,

Жыргалда болуп ушу чак.

Бул ыр саптары ошол доордо ушул өңдүү түркүн музыкалык аспаптарды жасаган, таланты таш жарган чебер уста – өнөрпоздор кыргыз жамаатында арбын болгондугун, ал аспаптарда ойноого машыккан таланттардын молдугун, демек, ак калпак элдин музыкалык маданиятынын өнүгүп-өскөндүгүн айгинелеп, калкыбыздын ыр-күү өнөрүн илгертен эле жогору баалагандыгын тастыктап берет.

2

«Манаста» «жердин өзү дөңгөлөк, жеткен жан келер жөрмөлөп» деп айтылат. Бул жер шарынын тоголок экендиги жөнүндө байыртан эле элибизде географиялыкастрономиялык маалымат бар экенине айгак болот. Ошондой эле эпосто кыргыздын медициналык маданияты да өз заманынын алдыңкы чегинде тургандыгын баамдоого болот. Мисалы, «Манас» трилогиясын медициналык көз караштан туруп үңүлүп окуп чыккан адис-врач Кадырбек Жекшелаев минтип жазат: «Трансплантация латынча – ташыйм, көчүрөм – органды же ткандарды көчүрүп жалгаштыруу. Трансплантациянын төрт түрү болот. Ксенотрансплантация – ар башка түрдөгү, тукумдагы, отряддагы организмдердин ортосундагы көчүрүп жалгаштыруу, б.а. адамга айбанаттардын органын көчүрүп жалгаштыруу. Албетте, көчүрүп жалгаштыруунун эң татаалы, көп илимбилимди талап кылганы – ксенотрансплантация. Эми ошол ксенотрансплантацияны мындан миң жыл мурда эле биздин ата-бабаларыбыз жасап келгендиги «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө эскерилет. Канчоро менен Кыяз келишим түзүшүп, бийлик төңкөрүшүн жасаганда, Семетей кайып болуп кетип, Күлчоро теңдешсиз согушта туткунга түшүп калат. Туткунга түшкөн Күлчоронун кечири кесилип, кул болуп, Кыяздын энчисине тиет. Кийин Сейтек эр жетип, кайрадан төңкөрүш жасап, мыйзамдуу бийликке келгенден кийин, Күлчорону ар тараптан мыкты дарыгерлерди алдырып, болгон жакшы дарылар менен дарылатып көрөт, бирок эч бир дары жардам бербейт. Акыры, айла болбогондо, Айчүрөк бир кездеги Семетейдин аскердик дарыгери, Семетейдин жан бирге досу Кызылсартка кат жиберет. Кызылсарт келери менен өзүнүн болгон дарылары менен дарылап көрөт, бирок айла болбойт. Ошондо Көк Даңгыт деген итти союп, кечирин кесип, Күлчорого салат. Сыртынан кырма кызыл дарыны кырк күн сыйпайт. Кайнатма кара дарыны да көп жолу сыйпайт. Кыязы, бири азыркы Вишневскийдин мазы сыяктуу, микробго каршы, экинчиси, иммундук системаны көтөрө турган дары болсо керек. Ошону менен Күлчоро айыгып кетет. Бул, балким, адамзат тарыхындагы биринчи трансплантация болсо керек. Миң жыл өткөндөн кийин, ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, трансплантация илимин кайрадан жаңыдан жандандырып жаткан илимпоз врачтарыбызга Кызылсарт атабыздын арбагы колдоп, иштеринде жана жеке турмушунда чоң ийгиликтерге жетишин тилейм!» (С.Жекшелаев. Манас доорундагы илим-билим, медицина, адабият-маданият, дипломатия, спорт жана башкалар – Бишкек, 2010, 18-19-беттер).

Каныбек Жекшелаев бул таңгаларлык фактыдан башка дагы «Манас» дастанында «Медет», «Эбеп», «Себеп», «Апы», «Үпү», «Кайнатма кара дары», «Кырма кызыл дары» деген сыяктуу ооруну басаңдатуучу, кан токтотуучу, бактерияларды өлтүрүүчү, ириңди тартып чыгаруучу жана башка кайталангыс касиеттери бар кереметтүү дарылар бар экендигин, аларды бүгүнкү медицинада активдүү колдонулган таасири күч «Морфий», «Промедол», «Ихтиоловая мазь», «Левомицетин», «Тетрациклин» өңдүү дарыларга окшош экендигин фактылар менен талдоо жүргүзүп, ырастап берип отурат. Эпосто Каныкейдин колунда «Уйпачы» аттуу ууну соруп алуучу да дары бар. Демек, бул фактылар Манас доорунда кыргыздардын ар түркүн эффективдүү таасири бар, сейрек кездешкен, кайталангыс күчтүү дарыларды жасай билүү өнөрүнө эгедер экендигинен кабар берет. Кээ бир дарылар чет жактан алып келишет.

3

Кыргыздын боз үйү, түркүн буюмдарга чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр дүйнөдө сейрек кездешкен эстетикалык сулуулук экендиги бардыгына маалым. Кыргыз зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен Туран аймактарында даңкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды жасаган өнөрлүүлөр не деген укмуш таланттар. Мисалы, Манас баатырдын кашына алтын-күмүш капталган Ак каңкысынын не бир чебер сомдолгондугун көрүңүз:

Айкөлүнүн ак каңкы, Айманбозго чак каңкы. Алдыңкы кашы ак алтын, Арка кашы чылк күмүш.

Эки каптал эн темир, Эңишке кирсе эңкейбейт.

Аркасы бийик, зээри пас,

Көмөлдүрүк, куюшкан, Алтын таман үзөңгү,

Урушка кирсе ылайык.

«Орто Енисейдеги кыргыздардагы кол өнөрчүлүк өнүккөн. Анын ичинде металл иштетүү биринчи орунда турган. Улуу державалык доордо кыргыз жоокерлери иймек белдүү алеңгир жаа менен куралданган. Жебенин учуна темирден тык кийгизип, кылоолоп кырын чыгарып, кыйгактуу кылып жасашкан. Кыргыздардын жоокерчилик өнөрү эң бийик өрүшкө жетип, жоо-жарагы өзгөчө өркүндөп өсөт» (Кыргыздар – Бишкек, 1991, 1-китеп, 185-186-беттер). Ушул тарыхый маалыматтын ырас экендигин «Манас» эпосунун өзү да кашкайта далилдеп турат. Мисалы, Манастын айбалтасынын, кылычынын жана сыр найзасынын кандайча чебер исскуство менен жасалгандыгын көрөлү: Таш көмүргө таптаган, Как ыргайга саптаган. Көөкөрчө кылып ийдирген, Кыл кыял чаап чийдирген. Чыгарагын алтын сомдогон, Чапкан жоосу оңбогон. Эшик өңдүү айбалта, Кыстарды Манас белине.

*****

Көмүрүнө чыдабай, Көңкү токой жоюлган. Көрүгүнө чыдабай, Көк букалар союлган. Барскан урган устанын, Балтырлары чоюлган.

Учун кайкы чыгарган,

Ууга аябай сугарган. Түн ичинде сууруса, Өрт күйгөндөй кызарган. Тоону чапса, таш кескен, Белге чапса, баш кескен.

Шиберге койсо, өрт кеткен, Шилтегени мүрт кеткен, Кылычын кыя байлады.

*****

Камыш кыйып каптаган, Тарамышка чаптаган.

Темирин сегиз кырдаган, Он эки түрдүү сырдаган. Учун ууга сугарган, Бөрү тил мизин чыгарган. Шамалга тийсе ырдаган, Тийген жери ырбаган.

Караңызчы, бул эмне деген укмуштуу куралдар! Кандай гана керемет чеберчилик жана чыгармачылык тапкычтык менен жасалган. Ушул ойго келбегендей куралдарды жасаган укмуштуудай таланттуу кыргыз усталары Бөлөкбай менен Каратаздын кол жеткис бийик өнөрлөрү жогорудагы тарыхый маалыматтагы «Кыргыздардын жоокерчилик өнөрү эң бийик өрүшкө жетип, жоо-жарагы өзгөчө өркүндөп өсөт» деген ойду бекемдеп жатат. Тарыхый чындык менен эпостук образ бири-бирин толуктап отурат.

Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө дайын болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаң эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, кыргыздын байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты Борбордук Азия аймагындагы уникалдуу феномен. Уздардын, усталардын өнөрүнөн бүткөн кооз боз үй «Манаста» кандай экенине серп салалы: Он эки кабат ордо үйү, Түндүгүн түрүп тиктирген. Ууктарын учтаган, Учуна манат тыштаган. Чийин жибек чырмаган, Уук менен кереге, Отуз түрлүү сырдаган.

VIII кылымда Таң доорунда Кытайдын Бо Цзюй-и (772-846-жж.) аттуу элдик акыны кыргыздын ушул өңдүү керемет боз үйүн көрүп, «Боз үй» деген ыр жазгандыгы белгилүү. Бо Цзюй-и: «Мен боз үйдү Ак сарайга алмашпайм» («Я вельможным княжеским родам, юрту за дворцы их не отдам») деп, кыргыздын боз үйүнө суктанып, көкөлөтө даңазалагандыгы сыймыктуу.

Манас баатырды полиглот, билимдүү, чечен, дипломат Ажыбай, төлгөчү Кара-төлөк, далы көрүүчү Агыдай, караңгыда жол жүрсө, карсактын изинен жаңылбас Шууту, башында бөркү чоктуу кул, айтар оозу шоктуу кул Ырчы уул, жайчы Алмамбет, Агыш, Көгүш сыяктуу аярлар ж.б. өнөрлүүлөр коштоп жүрөт.

Кыскасын айтканда, Манас баатырдын өз эл-жерин боштондукка чыгаруу үчүн болгон күрөшү, ал түзгөн мамлекеттин кадыр-баркы убагында аскердик-согуштук күчкубат, патриоттук философия менен гана коштолбостон, көрүнүп тургандай, өркөнү өскөн өнөр-билим менен да коштолгон.

Өнөр-билимсиз кыргыз жамааты жеңишке жетише албайт эле.

Өнөр-билим Манастын мамлекетинин тиреги болгон.

4

Эпостогу айтылуу алты ханды эске түшүрөлү. Манаска оппозиция болгон ошол алты хандан элчилер келип, хандардын жазган катын Ажонун Ордосуна кийирип жатышат:

Капчыкка колун салышты,

Кандардын берген кагазын, Калдайтып сууруп алышты.

Алаканга салышты, Арыстандын астына,

Арызын тозуп калышты.

Манас хандардын катын элчилерден кабыл алып, өзүнө алып келүүнү Сыргак баатырга буюрат. Сыргак катты алып келип, Манас ажонун алдына жаят:

Сыргак баатыр зымпыйып,

Ордуна туруп кымпыйып.

Басып келип калганы,

Баягы катты алганы, Баатырынын астына, Барып жазып салганы.

Ойрон болгон султаның, Окуп-окуп билди эми, Мыйыгынан күлдү эми.

Мына ушинтип, хандардын катын Манас өзү окуп чыгат. Демек, мунун өзү Манас баатырдын сабаттуу болгондугунун айкын-ачык далили. Эпосто Манас гана эмес Каныкей да кат сабаттуу. Бул анын көз жашын төгүп Чоң Казаттан Таласка кайт деп Манаска кат жазганынан көрүнөт. Каныкей ар кимдин өзүнө белгилүү болсун деп, кырк чоронун аскердик кийимдеринин жакаларына алардын аттарын да жазып, кошо тигип коёт:

Жоболоңдуу кырк баатыр, Тон талашар окус деп, Жабыштырган каты бар.

Жакасынын ичинде,

Чоролордун аты бар, Болжолунан билерсиң,

Атыңды окуп кийерсиң.

Каныкей энебиздин «атыңды окуп кийерсиң» дегенине караганда, Манастын кырк чоросунун да сабаттуу экендиги байкалып жатат. «Келген катты зор Бакай, келиштирип окуган», «Билбегенди билгизген, билимдүү экен Акбалта» деп айтылат «Манаста». Демек, Манас баатырдын акылчы-насаатчылары акылман Бакай менен Акбалта да сабаттуу.

Эпостогу бул фактылар Манас доорунда кыргыз коомунда сабат ачуу жашагандыгы, демек, кандайдыр бир формада окутуу болгондугу астыртан ачыкка чыгып турат. Бир катар окумуштуулар (Н.Бернштам, М.Ауэзов) Манас баатырдын жашаган доорун байыркы кыргыз-түрк доору (V-IX кылымдар) менен байланыштырышат. Эгер ушул ырас болсо, анда Манас атабыз ошол замандарда колдонулган рун жазуусу аркылуу сабатын ачкан деп айтуу жөндүү болмок. Жакып хан баласын байыркы рун жазуусун үйрөткөн устатка окутууга берген өңдөнөт. Буга дүйнөдөн кайтыш болор алдында Манастын «Бууданды бирге токушкан, беш жылы  бирге окушкан, Көкбөрүгө кабар бер» деп Каныкейге айтканы күбө өтүп турат.

Айтылуу хан Көкөтөйдүн ашын берердин алдында «кабарды кандай кылабыз, калкты кандай жыябыз?» – деп кыргыздар өздөрүнчө кеңеш курушканда, Байдын уулу Баймырза билерман:

– Чакырып ашка калалык,

Чактап кабар салалык,

Бир чакырсак билимдүү,

Падышалык илимдүү, Манасты гана алалык – деп, акыл салат. Бул жерде кең Таласта кыргызга ажо (падыша) болуп турган шер Манастын билимдүүлүгү, илимдүүлүгү атайы белгиленип отурат.

Дегеле кыргыз элибизде өнөр-билим илгертен адамга, жамаатка кут алып келе турган улуу кенч катары саналып келген. Калк ичинде «Билим адамдын канаты», «Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы», «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат», «Өнөр байлыгы – өлбөс байлык», «Өнөр издегениң – өргө кадам шилтегениң», «Өнөр көпкө да, көккө да жеткирет», «Өнөр – түгөнбөгөн азык, жоголбогон байлык, кемибес кенч» деген өңдүү терең ойлуу макалдар бекеринен жаралган эмес.

Кыргыз эли тарыхтын бороондорунда жалаң жаа, айбалта, кылыч, найза жана дулдулдардын, тулпарлардын гана жардамы менен эмес, өз доорундагы алдыңкы өнөрбилиминин, маданиятынын күчү менен сакталып келген. Өнөр-билим – бул «Манас» эпосунун туу кылып кармаган дөөлөтү. Өнөр-билим – Манас атанын таянган, тутунган асыл-нарктарынын бири. Өнөр-билим аркылуу өргө умтулуу, урпактарды өнөргө, билимге үйрөтүү, тарбиялоо – бул Манас атанын бизге астыртан насааттап турган осуяты.

Өнөр-билимсиз улут – канаты жок кушка тете.

Демек, Манас өзүнүн булчуң күчү, ок өтпөгөн тону, ок жетпеген аты менен гана эмес, өзүнүн сабаты, билими менен да күчтүү болгон. Анан калса, өзүнүн гана сабатына, билимине эмес, ал башкалардын да өнөр-билимин жалпы иштин ийгилиги, өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн акылмандык менен пайдалана билген. Баатыр өзгөлөрдүн күчүн өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк кылган билгилиги менен кубаттуу болгон. «Эр Манас Бегиш, Көйүш деген аярларды, Кара Төлөк төлгөчүнү, Агыдай далычыны күткөн. Кайсы бир эпос айтуучулар Манастын хан ордосунда 60 акылчысы болгонун эскерет. Алар эл ичиндеги ынтымак-ырысты кармап, душман, жоо менен мамилесин чечүү үчүн өлүмгө башын байлап, элчиликке барышкан. Бул акылмандар, чоролор Манастын үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган, аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой» кеңешчи-насаатчылар эле». (Жусупов Кеңеш. Байыркынын издери,. – Бишкек, 2001,«Элита», 155-бет).

Бүгүнкү күндө айкөл Манастын ушул осуятын айныбай тутунуп, замананын түркүн түстүү өнөрүн Бөлөкбай устадай, Ажыбайдай терең үйрөнүү, дүйнөлүк илим-билимге сугарылуу, инновациялык технологияны жетик өздөштүрүү – улутубуздун келечегинин гаранты. Ошондой эле Манастан калган улуттук кол өнөрчүлүгүбүздү сактоо, өнүктүрүү илгертен келе жаткан маданиятыбыздын түптүүлүгүнүн көрсөткүчү болмок. Мына ушул бийик идеялар өлкөбүздүн окуу-тарбия ишинин стратегиясы катары күжүрмөн аракетте турууга тийиш. Адамзаттын учкан куштай кетип бараткан дүйнөлүк поездине билим берүү аркылуу гана отурмакчыбыз. Илим-билим, өнөрлүүлүк биздин улуттук идеологиябыз, сыйынган динибиз болуп калуусу керек, балага өнөрдүн жашынан үйрөтүүнү мектептен баштоо лаазым. Көп түрдүү өнөр, эмгек мастерскойлору – мектептин турмушка жөндөмдүүлүгүнүн күбөсү.

XXXIV. БИРИ-БИРИН КЫЙБАГАН МАМИЛЕЛЕР АДЕБИ

«Манас» эпосунун борбордук каармандарынын тагдырды сынаган кыйын кезең-кырдаалдарда бири-бирин сатпаган, алдабаган, сызга отургузуп кетпеген, тескерисинче, бири-бирин кыйбаган, өз ара жуурулушкан, жардамдашкан, жакшылык жасаган, тайгак кечүүлөрдө бири-бирине жөлөк-таяк болгон нравалары биз үчүн өрнөк, үлгү. Алардын мындай мамиле адеби жалпы журттун кызыкчылыктарына, бир боор мекендин ыйык мүдөөлөрүнө берилгендиктен, жарандык максатташтыктан улам келип чыгат. Мисалдарга кайрылалы.

«Бакай Манаска кошулган күнүнөн тартып, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган», «аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой» арка белине, таянычына, «капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» кеңешчисине, насаатчысына айланат. Акылмандыгы, кыраакылыгы менен «алты ай келер азапты» күн мурун билип, Манасты ар кандай кырсыктардан сактайт» (Манас энциклопедия). Эң туура айтылган сөз. Бирок ушул мүнөздөмөнү «Манас» эпосунун сюжетинен, текстинен алынган конкреттүү мисалдар менен далилдөө зарыл. Маселен, «Манасты ар кандай кырсыктардан сактайт» дегенди эле алалы. Мисалы,  кандай кырсыктардан, кантип сактайт? Мына ушуну  ырастоо кажет. Биздин бул жерде, Бакайдын Манаска кылган ошондой жакшылыктарын алды жакта жазылгандарга кошумча катары дагы бир-эки далил менен тастыктап өтөлү деген ниетибиз бар.

Айтылуу «Чоң Казат» салгылаштарында Манастын башына кырсык түшүп, өмүрү кылдын кырында кылтылдап  турган бир катар  учурлар бар. Ошондой учурлардын бири – мына мобу окуя.  Кыргын согушта Манастын аскеринин, кырк чоросунун күчүнө туруштук бере албай, кытай-калмак кошуундары Күрпүлдөк дайрасын карай артка чегинет. Коңурбай Манасты сууга түшүрүүнүн амалын көздөп, Алгарага камчы уруп, түлкүдөй мант берип, дайранын боюндагы жалгыз аяк жол менен качып берет.

Манас «кебез белбоо, кең өтүк, керилген итке жетейин», деп Коңурбайдын артынан кууп жөнөйт. Бирок көп өтпөй, Аккула менен «учуп» баратып, Манас Күрпүлдөктүн чоң дайрасынын шарына түшүп кетет. Дайранын шарында калып, Манастын кандай абалга туш болгондугу эпосто мындайча  берилет:

Айзасы колдо сороктоп,

Айкөлдүн башы сууда короктоп,

Айлалуу баатыр Коңурбай

Жоонун айласын билген баатыр ай.

Кыйкырып айдап кытайды:

«Чыгарбай сууга жеткин, – деп, Манасты жанчып өткүн», – деп,

Камданып кытай, калың эл

Короктогон башына

Жамгырдай төгүп, жаа тартып, Мөндүрдөй кылып ок атып…

Мына ушинтип, кокусунан Манастын тагдыры бычак мизинде туруп калат. Суудан чыгарбай туруп жайлаш үчүн Коңурбай баш болуп, душман аскери уу-чуу түшүп, жамгырлатып жаа тартып, мөндүрлөтүп ок атып, каптап кирип келгенде, дайранын ичинде жалгыз калган Манастын башына чындап өлүм коркунучу келет.

Бирок дагы эле болсо, айкөл баатырдын көрөр күнү, ичер суусу түгөнбөптүр. Дал ушундай ажалдын оозунда айласы куруп турган  чакта, баягы шамдагай Бакай абакебиз көз ачып жумганча, куюндай болуп учуп жетип, Манаска кырк кулач арканды ыргытууга үлгүрүп, кытайлардан озунуп кетпедиби.

Ошол көз ирмемде болуп өткөн окуя эпосто мындайча ырдалган:

Камап кытай жетерде,

Сууга тыгып кетерде

Агын, дайра көп кечип,

Адис болгон кан Бакай,

Кырк кулачтай кыл аркан

Кыйкырып келип Манаска

Кылт эттирбей салды эле,

Баякы Бакай ошондо,

Бооруна арканды

Бекем басып алды эми, Астындагы тулпардын Санына камчы урду эми.

Алачыктай заңкайтып,

Арслан Манас, көк жалды

Сүйрөп чыкты далдайтып…

Эгерде, Бакайдын шамдагайлыгы, арканды таба койгон айла-амалы болбогондо, Манас «кара курттай кайнаган» кытайлардын талоонунда калып, суунун ичинде ажал табышы мүмкүн эле. Жаалданган душмандар курчап, каптап кеткенче, Манасты аркан менен дайрадан сүйрөп чыгып, ажалдын оозунан сууруп алган Бакайдын эрдиги атайын сөзгө алынып, даңаза кылууга татыктуу. Манас бул жолу өзүнүн аман калышы менен, кысталыштын «кыл көпүрөсүндө» жардамга келген кыйышпас досу Бакайга милдеттүү. Бакайдын ак калпак ажону кыйын-кезеңде жамандыктын, кырсыктын кыяматынан арачалаган мисалдары дагы да көп.

Кытай-калмактын алыскы Каңгай аймагында, Бээжинге жакын жерде «Чоң Казат» урушунун өртү алоолоп күйүп, өзүнүн чокусуна жетип турат. Манастын кырк чоросу алиги «Көкөтөйдүн ашында» көпчүлүккө ойноп тартуулашкан аскердик-согуштук өнөр-чеберчиликтерин дал ушул Чоң Казаттын кандуу майданында иш жүзүндө көрсөтүшөт. Башкасын айтпай, мобу нерсени эле белгилеп өтөлү. Кытайдын баатырлары, дөөлөрү, алптары менен болгон кагылышта кокус достордун ичинен бирөөлөр жерге кулап калса, чоролор тулпары менен эликтей секирип жетип, жыгылганды жерден кыргыйча илип алып, андай-мындай дегиче, ачып көздү жумгуча атына кайра мингизип, ажалдын оозунан куткарып кетишет. Маселен, капыстан капталдан чыга калып, Коңурбай Чубак баатырды көмө коюп өтөт. Жерге учуп түшүп, душмандардын талоонунда калмак болгон Чубакты Манастын баатыры Агаяр көтөрө салып, Көгала тулпарга кайра «кондуруп», кызыл чоктун ичинен алып чыгып кетет. Душмандын Мадыкан дөөсү кадимки Эр Төштүктү ат үстүнөн аңтарып таштайт. Аңгыча Мадыкандын качыр минген  Коёнбоз деген куралдашы качырып келип, Төштүктүн башын кесерде, Манас баатыр куштай учуп жетип, Коёнбозду ыргыта сайганга үлгүрүп, ал эми Чубак болсо, жөө калган Төштүктү бир заматта атка мингизип, өлүмдөн куткарып калат. Кызыл кыргында Карткүрөң тулпарынан кулап, кырсыкта калган Ажыбайды кытайлардын курчоосунан Сыргак куткарып алып чыгып кетет. Жанагы Мадыкан дагы күчүн көрсөтүп, казактын Көкчө баатырын ат үстүнөн ыргыта койгондо, жерге оонап калган Көкчөгө Бакай баатырдын кандайча жардамга келгени «Манаста» мындайча көрсөтүлөт:

«Эр Көкчөгө кан Бакай, Элден мурун жетти эми.

Көк тулпарга камчы уруп,

Көп кытайга жеткизбей,

Айдаркандын Көкчөсүн,

Көкалага мингизип,

Аман алып кетти эми».

«Чоң Казатта» чоролордун алиги «Көкөтөйдүн ашындагы» согуш оюнундагыдай шамалдай тез, ылаачындай ылдам кыймыл-аракеттерине таңдансак, экинчи жагынан Манастын баатырларынын бири-бирине күйүмдүүлүгүнө, бир-бирин кысталышта таштабагандыгына, «жебеден мурда жетип», бири-бирин коргогон, сактаган ынтымагына суктанбай койбойсуң жана алардын өрнөгүн үлгү тутууну көздөйсүң. Бүгүнкү капитализмдин катаал шарттарында адамдар  пайдакечтикке, өзумчүлдүккө, индивидуализмге ооп бараткан учурда «Манас» эпосунун бири-бирин кыйбаган ак-жаркын мамилелер жана өз ара жардамдашуу адеби биз үчүн тазартуучу күчкө ээ.

XXXV. ТОПУКТУУЛУК, КАНИЕТТҮҮЛҮК

Башыңа жетерлик дүнүйө-оокатты тапканың оң, бирок дүнүйөкор болбошуң керек. Анткен менен топуктуулук, барга каниет кылуучулук – Калыгул катуу барктаган кишилик орчун сапаттардын бири. «Обол мурун ден соолугуң болсо, андан кийин ак жоолугуң болсо, андан кийин боз соолугуң болсо, асылуу казаның болсо, салынуу тулгаң турса, үстүңдө үйүң болсо, жардымын десең эссиздик болор» дейт Калыгул. Чынында байлык, дүнүйө деп ашыкча акактап далбастабай, ушундай колдогу бар оокатка сабыр кылып, каниет менен жашоодон өтөр нерсе барбы?

Калыгул бу жарыкчылыкта жашоо маселесине философиялык акыл менен кеңири чабытта караган. «Санасаң айла таппайсың, ажал менен өлүмгө, тирүүлүктө жүрөбүз, тике басып жаяңдап, тигине ажал билинбей, аңдып турат аяңдап, дүнүйө өтөт желгендей, өтүп кетет кербендей». Мындай болгон соң дүнүйө-оокатын пенде о дүйнөгө ала кетпейт, баары калат, ошондуктан көрдүнүйө топтойм деп кымбат өмүрүңдү маңыссыз арзан нерселерге коротуунун кереги канча? Кеп өмүр кечирүүнүн сапатында. Акындын акылы боюнча бийлик, атак-даңк дегендер шарттуу нерсе. Кеп, эң негизгиси рухтун адамы болуп, маңыздуу өмүр кечирүүдө «Көңүлүңдү эргитип, боз балдар көз өткөнчө жан сакта». Даанышман бул сөзүндө курсакты «гүлдөтүүгө» эмес, көңүлдү, рухту гүлдөтүп жашоого үндөп жатпайбы. Топуктуулук өзүңдү, да өзгөлөрдү да кыйнаган убаракерчиликтен куткара турган асыл адеп-ахлак, деген терең ойду туйгузат көсөм насаатчыбыз. Демек, топуктуулук жөнүндөгү этикалык идея Калыгулдун ары тереңдеги философиялык даанышмандыгынан чыгып жаткандыгын билип коюшубуз кажет.

Илгери калыгулча ойлонгон бир даанышман адам бир жолу хандын ордо-казынасынын ичине Увазирди ээрчип кириптир. Ошондо ал адам казынадан көз жоосун алып жайнаган кызыл-тазыл азем буюмдарды, жалт-жулт эткен алтын-күмүш, каухар, асыл таштарды көргөндө тамшанып таңдайын такылдатпай, көзүн кызартпай, бу эрлердин башын, хандардын тагын «жутуп», жашоого кожоюн болуп келген көрдүнүйөгө арзыбаган бир нерседей кошкөңүл карап, кайдыгер мамиледе гана тышка чыгып кетиптир. Көрсө, бул акылман адам майда-чүйдө нерселерге күйпөлөктөбөгөн, чыйпылыктабаган, алтын менен акчага, дүнүйө-мүлккө далбастап жүгүрүүнү, атак-даңкка, бийликке кумарланууну балээни башка үйчү абаракерчилик, алдамчы азгырык катары туюнган жан тура. Ал даанышман Увазирдин мунуң кандай деп сураган суроосуна мындай деп жооп берген экен: «Дүнүйөгө устун болбогон соң, эртең кайран башың карарган көрдүн түбүнө кала турган болгон соң,  айды алам деп акакташтын, алдасташтын, айланаңды азапка салыштын керекчилиги канча, оо пенделер. Бу көрөкчө, сокур күсөөлөрүңдү ооздуктап, суктугуңду тыйып, акылга тизгин берип, ырыскыдан куру эмес экениңе, үстүңдө жаман алачагың, ичээрге бир чөйчөк сууң, жээрге бир тоголок данын бар экенине, салынуу тулгаң, асылуу казаның барлыгына шүгүрчүлүк десеңчи. Бу жарыкчылыкта жашоо үчүн тирүү жанга аз эле нерсе керек. Жаркырап тийген күн керекпи саа? Тигинекей, төбөңдө балбылдап турат. Шаркырап аккан суу керекпи? Мархабат, каалашыңча ич, шимир, чөмүл. Аба керекпи? Мынакей. Боз соолук керекпи? Ал жаныңда оттоп турат. Ак жоолук керекпи? Аның кашыңда отурат. Жарыкчылыктын жанга дары, өмүргө эм чордондуу уюткулары, түркүктөрү ушулар эмеспи. Киши баласы табият эненин ушул түпкүлүктүү кенчтеринин өз энчисине басылып турганына каниет кылып, ушул башкы нерселердин бар экенинен улам өзүн бактылуу сезип, акырын арабасын кылдырата бербейби. Башкы кенчтер колумда турган соң, башканын кереги не, ушул башкы уюткулар менен чектелип, бир негизги нерсеге топук кылайын, ошол негизги  нерсе аркылуу эле ага окшош калган нерселердин тамырын тартып алса болбойт бекен деп ойлоп, акылдуулук кылсаңчы. Акыл-эстин өзүңө ошол чордондуу кенчтердин тирүүлүк үчүн жетиштүүлүгүн түшүнүү үчүн, ошол негизги мүлктөр менен чектелүүнүн зарылдыгын туюнуу үчүн берилгендигин  сезсеңчи, ээ боорум. Кудая тобо деп, айлана-тегерегиңе зыян кылбай, колдон келген жакшылыгынды жасап, кара мээнетиң менен ак жүрүп,  тирүүлүгүңдү байлык катары санап,  жашаганың оң эмеспи. Мобу керемет жарык дүйнөнү көрсүн деп Теңиримдин сага көз бергенине миң мертебе ыраазы бол. Ушул бактың эле сага жетишет, билсең. Көргөнгө көз бергендиги үчүн улуу жаратуучуга өлөөр-өлгөнчө өзүңдү карыздар сезип, куйругуңду кыпчып, топук кылып күн кечирүүгө тийишсиң, о пендем!» Мынакей, топуктуулук, каниеттүүлүк сапаттарды даанышмандын философиялык жактан негиздегени.

Топуктуулук, каниеттүүлүк, сабырдуулук улуу акын Тоголок Молдонун да урматтаган баалуулуктары болгон. Тоголок Молдо колунда жоктугунан  материалдык жактан март боло албаган, бирок негизинде ички дүйнөсү жоомарт, кенен кишини чыгармачылыгында кароолго алат. Мындай адам көбүнчө турмуштук минимумдар менен жашайт. Акын ушундай кишинин мүнөзүн талкуулап жатып («Адам мүнөзү» аттуу ырын караңыз), «канаат», «канаат карын тойгузат» деген сөздү, түшүнүктү колдонот. Булар – азга сабыр, барга топук кылуу, колдо болгон оокатка канагат кылып жашоо деген мааниде. Бул адам араанын ачып жулунбайт. Абройлуу социалдык статусу, байлыгы, бийлиги жок болсо да, буюрган нерсеге, ак эмгеги менен жеткен жупуну оокатына, аманчылыгына, пейили сүйүп аткарган жумушу бар экенине канаат кылып өмүр кечирет. Курсагы ач эмес, эл катары жашап жатканына ыраазы. Эч кимге кылган зыяны жок, абийири менен түз жүрүп, карасаң дайыма сабырдуу, токтоо, басмырт, уяттуу. Мындай адам жашоодогу санга эмес, сапатка, өмүр кечирүүнүн мазмунуна көңүл буруп, дүйнөгө философторчосунан карап жашайт. Мындай инсандын портретин Тоголок Молдо жалпылап төмөндөгүдөй тарткан:

«Канаат» – деп бир мүнөз бар албайт сурап,

Тапканын оокат кылат эптеп курап,

«Канаат карын тойгузат» – деген сөз бар, Кайгырбай жокчулукка коёт чыдап.

«Сабыр» – деп сары алтындай бир мүнөз бар,

Сабырдуу, токтоо адам болбойду зар, Мурунку карылардан макал калган

«Сары алтын-сабыр түбү» деген сөз бар.

Бир мүнөз муназалуу токтоо адам,

Чыкпайды муназадан жалгыз кадам, Бирөөдөн аласасы боло калса, Айтпастан өтүп кетет берип салам. «Ичим тап» бир мүнөз бар чыкпайт сыры, Сакталат жүрөгүндө сөздүн чыны. Бойтоюп эл ичинде жүрө берет, Болжолсуз эч адамга болбойт чыры.

Тоголок Молдо мына ушул топуктуу, канаат кылган адамдын жүрүм-турумун да адеп өрнөгү катары мисалдап көрсөтөт («сабырдуу жайдар кенен бар, Сары алтындай берен бар»). Чынында эле, уят-сыйытты жыйыштырып коюп, улкунуп-жулкунуп, калпты-чынды койгулаштырып, арам-адалды ылгабай далбастап, куулук-шумдук менен турмуштук «ийгиликке», «комфортко» жеткен кишинин жанында өйдөкүдөй топуктуу, жупуну адам кандай таза, кандай күнөөсүз. Анын топуктуулугу, жупунулугу, эссиздиктен эмес, тереңдеги акылгөйлүгүнөн чыгып жатат. Кыргыз адеп-ахлагында топуктуулук, каниеттүүлүк бу жарычылыкта күн кечирүүнүн бир варианты катары кадырланат. Бул дагы өзүнчө бир философия. Тоголок Молдонун өзү да азга сабыр, барга топук кылган каниеттүү киши болгон. Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов – 1860-1942) чыныгы рухтун, маданияттын адамы болгон. Ал материалдык байлык, дүнүйө чогулткан эмес, тескерисинче, бир тууган элжеринин тарыхый-рухий байлыктарын-санжыраларын, легендаларын, жомокторун, эпосторун, ырларын, адатсалт, адептик дөөлөттөрүн калк арасынан өмүр бою бирден термелеп чогултуп, кагазга түшүрүп жүрүп бу дүйнөдөн өткөн. күндүзү тыным албаган, түндөсү кара чырактын алдында тирмейип уктабаган түйшүк-мээнети менен акын океандай «Манасты», «Семетейдин», «Сейтектин» толук вариантын, «Жаңыл Мырза», «Шырдакбек», «Эр Эшим», «Мендирман» дастандарын, «Кыргыз тарыхы», «Тарых, түпкү аталар» сыяктуу санжыраларды кагазга түшүрүп, алтынга алмашкыс мүлктөрдү элине, кийинки муундарга белек кылып калтырып кеткен. Өзү да мааниси жагынан ат көтөргүс, төө көтөргүс  адабият мүлктөрүн жаратып, ошонусуна сыймыктанып жашаган. Жашоонун маңызын ушулардан көргөн бул адам.

Исхак Раззаков дагы Тоголок Молдо сыяктуу топуктуу инсан болгон. «Мага акча-дүйнөнүн кереги жок мекеним өнүксө болду» деп жазган ал. И. Раззаковдун ушул ишенимине ылайык жашап өткөндүгүн эл-журт жакшы билет.

«Майлаланып кетчү жер көп, Майдаланбай жүрүш эрдик. Килем деген чүпүрөктөр, Алтын, күмүш – темир го бир. Андай жансыз  азгырыкка,

Кор болбосун биздин өмүр!», – деп жазган айтылуу акын Аман Токтогулов, бул терең оюн ушул олуя бабасы Калыгулдун насыятынын духунда ырдаган бейм.

XXXVI. МАҢКУРТЧУЛУККА КАРШЫ РУХ

Байыркы Орхон-Энесай таш эстеликтериндеги Гүл-Тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары кул болуп, түрктүн мыйзамдары унутулуп, балдарынын аты кытайлашып, «иниси агасын билбес, баласы атасын билбес» ахыбалга жеткен экен. Мына ушул маңкурттук абалды түрктүн  мыктылары учурунда түрк улутунун өлүмү катары баалаптыр. «Түрк эли өзүбүздү өзүбүз  мындан көрө өлтүрөлү, уруксуз бололу» (Гүл-Тегин эстелиги: Чоң жазуу). Ушундан улам муну айтабыз. Демек, муундардын, тукум-туяктардын жети атасын билбеген, тарыхын тааныбаган макулук катары өсүп, өмүр улашы – бул улуттун тамырынын соолушунун, анын тирүү туруп жок болушунун башталышы.

Маңкуртчулук илдетине «Манас» эпопеясы да өзүнүн бүткүл турушу, духу менен каршы. «Манаста» каардуу жана амалкөй Алооке хан тоолуктарды таруудай чачып, бирин эренге, бирин тереңге, бирин Алтайга, бирин Каңгайга тентиткенде ак калпак кыргыздын ар кайсы чоочун калайык-журттарга жана кыжылдаган калмак-кытайга сиңип, эл катары жок болушун көздөгөн. Кыйла жылдар өткөндө кай бир аймактарда өйдөкү Гүл-Тегиндин эстелигинде маалымдалгандай, түрктөрдүн  башына түшкөн маңкурттук тагдыр, ала-тоолуктардын да башына келип, кээ бир кыргыз топтору калмакташып, кытайлашып Алоокенин мүдөөсү ишке аша баштаган. Бул көрүнүш «Манаста» Акбалтанын жаш Манаска айткан төмөнкү сөздөрү менен баян этилет: «Бай Жакып менен ага-ини, балдары Үсөн бар эле, айдап кетип Үсөндү, кара калмак алды эле, Үсөн атын жойду дейт, Көзкаман атка конду дейт, калмакча атын койду дейт, кыргыздын атын жойду дейт, тууганды туура унутуп, баарысы калмак болду дейт».

Мына ушинтип, Үсөн баштаган кыргыздар калмакманжуу массасына ассимиляцияланып, психологиясы такыр өзгөрүп, бала-бакырасынын ысымдары Чаңдаяк, Чагалдай, Дөрбөлдөй делип калмакча коюлуп, дини будда болуп, ырым-жырымы калмакча жасалып, «Какандап» ураан чакырып калышат. «Манаста» кыргыз элине карата чыккынчылык ушул «туугандардын» ичинен чыгат. Кытайдын императору Эсенкан амалданып барып, Манасты уу берип өлтүрүп, Бээжинге башын кесип алып келе турган адамды дал ушул Каңгайда кыргыз атын өчүргөн, жети атасын унуткан пенделердин ичинен тандайт. «Журтуна бузук беш айбанды» баштаган Көзкаман кулчулуктан жаңы эле кутулган бүткүл кыргыз эли медер тутуп турган Манаска кол салат. Манаска уу берет.  Демек, бул анын өз бир тууган элинин өлгөндө-талганда жетип турган эң ыйыгы-эркиндигине кол салганы, өз элине уу бергени эле.

Көзкаман – бул «тамырсыз» адамдын символу. Башына «социалдык шири» кийген кулдун символу. Маңкурт – душмандын колундагы куурчак жана өзүнүн «учкан уясына» каршы пайдаланыла турган курал. Көзкаман бизге көрсөтүп турган «Манастын» ачуу сабагы жана кара түстөгү белгиси. Көзкаман –«тамырсыз» адамдын жамаат үчүн, улут үчүн социалдык жактан өтө коркунучтуулугу жөнүндөгү «Манастын» эскертүүсү.  Дастанда Көзкамандын жана анын куралчан тобунун кырк чоро тарабынан талкаланып жок кылынышы – бул Манас рухунун маңкуртчулукту жамандык катары тангандыгынын жана кабыл албагандыгынын символу. «Улуу «Манас» ыйык китебибиз бүгүнкү тукумдарды маңкуртчулуктан сак болууга астыртан үндөп, балага кенедейинен мекенчилдиктин рухун сиңирүүнүн зарылдыгын каңкуулап турат.

Баскынчы жоолор, ар кандай үстөмчүл империялар кыргын салбай туруп эле, кандайдыр бир калктын өз алдынчалыгын жоюп, улут катары жок кылууну, ассимиляциялап өзүнө сиңирип, алууга максат кылса, анда алар биринчи иретте, ошол элдин муундарынын, жарандарынын «жети ата» тамырын кыркууну, «иниси агасын билбес, баласы атасын билбес»  кылып, тарыхый эстутумун талкалоону көздөп, тымызын иш жүргүзүшкөн.  Кээде биздин чыгышта адамды тарыхый эстутумдан ажыратуу төбө чачты тик тургузган мыкаачы жолдор менен ишке ашырылган. «Манаста» калмак-кытай өкүлүнүн «Башына шири кийгизип, Эсенканга баралы» деген сөзү бар. Шири-бул кишини эстутумдан ажыратуучу ыкма-курал. Илгери айдар көкүл Жуңжандардын согушта туткунга түшкөн жаш жигиттерди ширинин жардамы менен кандайча «Тамырынан» ажыраткандыгы жөнүндө Чыңгыз Айтматовдун жазганын эске түшүрөлү:

Адамды физикалык-биологиялык  жактан кыйноо аркылуу гана эмес, ал таянып турган тарыхый-этникалык фундаментти, улуттук кыртышты жок кылуу, талкалоо аркылуу да маңкуртка айландырышкан. Байыркы бир заманда кара калмак деген жоо кыргызды чаап, эмгектеп жүргөн, жаңы баскан эркек балдарды олжолоп туткунга алат да, өз жерине алып барып, жүз бөбөктү социалдык мамилелерден жана байланыштардан оолактатып, эч кимге көрсөтпөй, обочодо көмүскө багып, жалаң согуштук өнөргө таптап машыктырат. Кыргыздын жүз кулунчагы өздөрүнүн кыргыз экенин билбей, ата-тегинен эл-жеринен, эне тилинен, таптакыр кабарсыз, согушкандан башканы билбеген жоокер-башкесерлер болуп тарбияланышат. Калмактын төрөсү маңкуртка айландырылган, уруш өнөрүнө үйрөтүлгөн ошол жүз кыргыз жигитти бир жылы кыргыз элине каршы согушка салып, ак калпак калкты өз тукумдарынын колдору менен кыргынга учуратат. Бул шумдуктуу окуя Үмөт молдонун «Жүз жигит» аттуу комуз-күүсүндө кайгылуу баян болуп чертилип калган.

Кыргыз телеберүүсүнөн тартууланган бир көрсөтүүдө 5-6 кыргыз улутундагы өспүрүмгө «эгер кайра төрөлүп калсаң, ким болор элең?» деген суроо берилгендиги, берилген ушул суроолорго окуучулардын биринин артынан бири «француз болгум келет, орус болууну каалайм, немис болгум келет, англичан болгум келет» деп жооп беришкендиги коомчулуктун көз алдында турат. Бул балдар бир гана кыргыз болууну каалабайт. Мынакей,  эгемендүүлүктүн шартындагы «жүз жигиттин» башталышы көз көрүнөө. Бир сөз менен айтканда, ушул кыргыз болууну каалабаган кичинекей «жүз жигит» ушул бойдон чоңоюп, миң жигитке, он миңге, жүз миңге, миллионго өсүп чыкса (өсүп чыгышына бизди тегеректеп турган геосаясий күчтөр, массалык маданият, ар кандай диний миссионерлер, глобалдаштыруу саясаты  катуу кызыктар экендигин эске алалы), анда бул кыргыз улутунун өз эрки менен, өз колу менен өзүн-өзү жок кылуусу (самоубийство) болмок.

Жогорудагы кыргыз болгум келбейт, англичанин, немис, орус болгум келет деген бүгүнкү кыргыз жеткинчектеринин сөзүн эстейли. Бул балдар кыргыз элинин эркиндиги, бактысы үчүн кылымдар бою күрөшүп келген Манас баштаган баатыр ата-бабаларынын, маселен, Бакайдын, Кошойдун, Чубактын, Сыргактын,  Барсбектин, Жаңыл Мырзанын, Кубат бийдин, Жайыл баатырдын, Тайлак баатырдын, Курманжан датканын, Алымбек датканын, Абдыкерим Сыдыковдун, Жусуп Абдрахмановдун, көкүрөгүн дзотко тоскон Чолпонбай баатырдын, Исхак Раззаковдун жана башка Ата-Журтубуздун сандаган чыгаан уул-кыздарынын атуулдук-патриоттук каармандыгын билбесе, өз калкынын тарыхына чоочун болсо, ага кан-жаны, жан дүйнөсү жуурулушпаса, албетте, чет элдик модалардын кулу болот. Мындай маңкурт жаштарда өз эл-журтунун тарыхы менен сыймыктануу сезими болбойт. Алар өйдөтөгү Көзкаман сыяктуу чоочун өрнөктөргө сыйынган, камгак сыяктуу тоголонгон макулуктардын кейпин кийет.

XXXVII. «МАНАСТЫН» ЭСКЕРТҮҮСҮ

Кыргызга  ата болгон Манас Ажосунан ажырап, калктын түндүгү түшүп турган чакта, айкөлүнөн айрылып, кара кийип, Каныкей кан жутуп турган кезде, өлгөндүн үстүнө көмгөн дегендей, Жакыптын калмак зайыбы Бакдөөлөттөн туулган  Көбөш баштаган «алты арам» Каныкейдин да, калктын да чекесине чыккан чыйкан болот.

«Ит кутурса ээсин кабат» деген кептин  чын экендигине Каныкей мурда эле, Чоң Казат учурунда «алты арамдын» чыккынчылыгынан улам терең ынанып калган. Баатырлар Бээжинде майданда салгылашып жаткан кезде, оорукта калган Абыке-Көбөш «Манас өлдү, элге өзүбүз хан болобуз» деп, Ажонун  ордосуна кол салганда, Каныкей жоо кийимин кийип, чачын төбөсүнө түйүп, буларды беттеп чыгып, ордого жолоткон эмес. Ошондо эле, бул ини сөрөйлөрдүн Манас агасынын ийгиликтерин көрө албай, ичтеринде ийри жылан сойлоп тургандыгын Каныкей даана көргөн.

Манастын көзү өткөндөн кийин Каныкей Абыке, Көбөштү акыл-эстерине келип, намыстанышып, Манастан калган тууну колго алып, кызылдай кыйынчылык менен курулган Манастын мамлекетин сактоо, чыңдоо, журт көз карандысыздыгын тыш жактагы «тырмактуулардан» коргоо жөнүндө ойлонот го деп үмүттөнгөн. Көрсө, булардын ойлогону, болгон максаты мансап, байлык, анан Каныкейди катын кылып алуу экен.

Каныкей Көбөштүн  жуучуларын  канжар менен кууп чыккандан кийин Манастын ордосу таланат. «Алты арамдын» чабуулунан кийин мамлекеттин ордосунун кандай кейипте калгандыгы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:

Талынын баарын сулатып, Тамынын баарын уратып. Таш калааны талкалап, Такыр чаап алыптыр.

Ар кайсы жерде оркоюп,

Ордонун орду калыптар,

Каныкейдин ак сарай,

Каалгасы темир, сом калай, Төрт күл дөбө болуптур.

Буланы булап алыптыр,

Бузуку минтип салыптыр, Как эткенден карга жок

Курулай талаа калыптыр:

Мынакей, тумшугунун алдынан башканы көрбөгөн «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» сокур амбициясынын трагедиялуу натыйжасы. Ак мөңгүлүү Ала-Тоого, ак калпак кыргызга көз артып турган алыскы-жакынкы жоолордун көзүнчө өз мамлекетин, өз эгемендүүлүгүн өз колу менен талкалаган «Манастагы» «кыргыз» деген аты бар кош аяктуулардын жоругуна не дейсиң?!

Бул окуя улуу эпосубуздун бизге насыяттап калтырган сабагы, эскертүүсү. «Абыке, Көбөш алты арам» – бул «Манастын» символу.  Абыке, Көбөш алты арам-граждандык, атуулдук жетилбегендиктин, өз улутунун келечеги, түпкү стратегиялык кызыкчылыктары, башка элдердин катарындагы аброю, ар намысы, коопсуздугу жөнүндө иши жоктуктун символу. Күнүмдүктүн, кара жемсөө өзүмчүлдүктүн, акылсыз авантюранын, «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» символу. Эгер улут ичинде Абыке, Көбөш алты арамдын күчү үстөм абалга ээ болуп кетсе, журттун калаасы бузулар, ордосу ойрондолор, ата конуштан бакыт, ырыс качар. Ушуну айтып турат бизге «Манас». Бизге калтырган Манастын эскертүүсү ушул. Биз бүгүн ушуну эске түйүп коюшубуз керек. Эки душман болот: ички жана тышкы. Тышкы душмандан да, ички душман коркунучтуу. «Манас» эпосунда кыргыз мамлекети тышкы жоодон бир жолу (Алоокенин чапкыны), ички жоодон эки жолу (1. Абыке-Көбөш. 2. Канчоро-Кыяз) бүлүнгөндүгүн көрөбүз.

XXXVIII. СӨЗМӨРЛҮК, ЧЕЧЕНДИК

Улуттун улут экенин, билгизген башкы көрсөткүч – эне тил. Кыргыз тилибиз – улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө  согуп турган эне тили – жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам – тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык  макулук. «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда), «Тилиңди бурба» – деген насаат ата-бабалардын муундарга айткан биринчи насааты болгон. Демек, түп маанини туюнсак, эне тилибиз ар бир ала-тоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган «улуттук паспорту» (Э. Ибраев). «Күчтүүбүз Ата-Журттун кучагында, калкымдын уюткулуу дили менен, биз элбиз, биз инсанбыз, биз улутпус, Ала-Тоолук кыргыздын тили менен!» Дал ушундай философияны, улуттук идеяны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинин өзөгүн аныктап, ар дайым  активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук – республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнө өз жүзүн сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок.

Демек, эне тилди сүйүү, урматтоо, ыйык тутуу – эгемендүү республикабыздын ар бир атуулунун нравалык жүрүм-турумунун башкы критерийлеринин бири болууга тийиш. Ал эми жаштарда эне тилге болгон сүйүүнү, тилдик патриоттуулукту, тилдик өзүн-өзү аңдап түшүнүүнү (языковое самосознание) тарбиялоонун булагы – дал улут сыймыгы улуу «Манастын» өзү дегибиз бар.

«Манастын» эл тарабынан кыргыз тилине тургузулган улуу монументалдык эстелик десек жаңылышпайбыз. Улуу эпосубуз эне тилибиздин алтын казынасы. Кыргыз тилинин кору, дандын кызылындай сан жеткис сөз байлыгы, лексикалык, фразеологиялык каймагы, түгөнгүс асыл-берметтери ушул жерде. Курчап турган дүйнөнү, көрүнүштөрдү жана предметтерди, татаал социалык мамилелерди, рухий кубулуштарды чагылтуудагы кыргыз тилинин бай  мүмкүнчүлүгүн керемет жөндөмүн, сыйкырдуу күчүн, эң ийкемдүү образдык кудуретин дал ушул «Манастан» ачык-айкын көрөбүз.

Кыргыз эли байыртан сөз күтүп, кеп баккан, сөзмөрлүк, чечендик өнөрдү жогору баалаган калк. Ак мөңгүлүү Ала-Тоо «өнөр алды – кызыл тилдин» мекени болуп келген. Сөздү мончоктой тизип, куюлуштуруп көркөм сүйлөгөн, сөзү угумдуу, кеби жугумдуу, оюн ташка тамга баскандай таамай айткан адамдар эл ичинде кадыр-барк күтүп, даңкталган. Сөз кадырын билүү, эне тилге болгон сый-урмат, кеп чеберчилиги, сүйлөө маданияты кыргызда адептүүлүктүн чен-өлчөмү катары каралган. «Айтылган сөз – атылган ок», андыктан алды артыңды аңдап сүйлө, ар нерсени талдап сүйлө, тантырабай далдап сүйлө деген кыргыз. Кыргыздын сөз өнөрү жөнүндө 19-кылымдын 60-жылдарында Ысык-Көл менен Чүйгө экспедицияга келген, алгачкы манастаануучу Василий Радлов мындай деп жазган: «Кыргыздар эч буйдалбастан, токтоосуз шар сүйлөшөт. Алар оюн ачык, так айта билишет. Сүйлөгөндө  сөздөрүндө белгилүү деңгээлде кооздук сезилип турат. Жөнөкөй эле сүйлөгөн сөздөрүндө, айкалыштардын курулушунда мезгил-мезгили менен ритмикалык өлчөмдөр байкалып калат. Сүйлөм артынан сүйлөм, ыр саптары түрүндө келе түшкөндөй пикир калтырат. Мындай сөздөр ойлонуп айтылып, угуучуларга күчтүү таасир тийгизет. Угармандар аны рахаттанып угушуп, орундуу айтылган сөздү баалай да билишет. Чечендер сүйлөгөндө укмуштуудай тынчтык өкүм сүрүп, угуучулардын көздөрү жайнап, демин ичине алып отуруп угушат». Биздин кечээки ата-бабаларыбыздын тилдик маданияты ушундай болгон. Чечендик өнөр канатын кенен жайып өнүккөндүктөн кыргызда ал «Акыл чечен», «Кургак чечен», «Тил чечен», «Көрөгөч чечен», «Курчак чечен», «Көрөгөч чечен», «Оромо чечен» ж. б. болуп, бөлүнүп кетет. Кошок айтуу, эл алдындагы акындардын таймашы, алым-сабак айтыштары, суроо-жооп сынактары, төкмөчүлүк, манасчылык, уйкаштар менен жорго сөз айтуу – бул өнөрлөр «өнөр алды – кызыл тилдин», сөзмөрлүктүн, чечендиктин жогорку үлгүлөрү. Кыргыздын сөз искусствосу, чечендик наркы оозунан ыр, уйкаштар кумдай куюлган Арстанбек, Жеңижок, Калык, Осмонкул сыяктуу ак таңдай акындардын, Сагымбай, Саякбай өңдүү алп манасчылардын, Кара Төлөк, Ажыбай, Байжигит, Жээренче чечен, Акыл

Карачач, Санчы сынчы, Мойт аке, Карга аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке, Көкөтөй, Куйручук сындуу даанышмандардын, чечендердин, куудулдардын өнөрлөрүндө өзүнүн чокуларына жеткен. Кийинкилерден Исхак Раззаковдун чечендиги айырмаланган.

Кыргыздын кеп устачылыгы, чечен сөзү жөнөкөй гана кооз сөздөрдүн тизмеги эмес. «Арканды узун таштап сүйлөнгөн, ою терең,чабыты кенен, ажат ачкан, чындыктын көзүн тапкан, бутага таамай тийген, курч, кыска-нуска, макалдатып, мисалдатып жорго сөз менен айтылган чечендик, сөзмөрлүк «тили буудай куурган», «таңдайынан чаң чыккан», капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» тил өнөрү жогорудагы аты аталган чечендерге, элчилерге, акындарга, манасчыларга,  ошондой эле, эл ичиндеги нускалуу, нарктуу сөзмөр карыяларга  жана байбичелерге, Акыл Карачач сындуу чыгаан жаштарга мүнөздүү болгон.

Маселен, айтылуу куудул Шаршен 30-жылдары кыргыз театр ишмерлеринин бири Көпбай Күмүшалиевге Куйручукту мындайча мүнөздөп берген: «Куйручуктун көзү тунук, сөзү курч, жаасы катуу, тили мурч. Анын алдынан эч ким өтпөйт, аны менен айтышууга эч кимдин дити жетпейт. Жок жерден сөз чыгарган, шооласыз жерден көз чыгарган, жаактууга жеңдирбеген, шамдагайга эңдирбеген, акылдуунун айласын тапкан, алдым-жуттумдун абийрин ачкан, адам баласынын кебетесин көрүп, көңүлдөн чыкпас ат коё билген сөзгө чечен чебер киши эле». (Күмүшалиев К. Алар баштоочулардан болушкан. Фрунзе. Кыргызстан, 1979, 195-б.). Мына ошентип, мазмундуу, кооз, көркөм, курч сүйлөнгөн, жылаңач төөнү такымга чапкандай таасын, чебер айтылган, кулактын кычуусун кандырган кеп элдин көңүлүнө уюган. Ал эми чечендиктин «Кургак чечендик» деген түрү бар. Бул сыртынан кооз угулганы менен өзөгүндө данеги жок, маани-маңызы тайкы кургак сөз, куру убада дегендик. Мындай куру барабан каккан, тышы жалтырак чечендикке эл терс мамиле жасап, төмөндөгүдөй макалдарын, аныктамаларын чыгарган:

  • Пайдасы жок сөз айтып, маңыз сөздү чиритет.
  • Пайдасы жок чечендик, чөп чыкпаган кургактай.
  • Сөз бербеген жөө чечен – учуп жүргөн камгактай.
  • Куру сөз курсак тойгузбайт, куру кеп кулак тойгузбайт.
  • Куру суудан май чыкпайт, куру сөздөн маани чыкпайт.

Демек,  чечендик кепке, өзүнө олуттуу мамиле, омоктуу даярдык, орчундуу ой, орошон мазмун, обологон көркөмдүк талап кылынган.

Эл ичинде чечендик кептин бир канча нагыз үлгүлөрү оозеки сакталып калган. Кокон ордосуна элчилик кылып барган, Тилекмат акенин хан Кудаярга айткан чечен сөзү бул: «Мен Тилекмат. Атам Жылкыайдар, Белек кандын небереси боломун. Биз кыргыз деген, мал баккан элбиз. Башкаларга суктанбай жай жаткан элбиз. Элибизден кут кетпеген, береке качпаган. Жерибиздин четин жоо баспасын деп найзага үкү таккан элбиз. Эч бир душманга багынбаган, башыбыздан сөздү ашырбаган, досубузду сактай билген, даамын, тузун актай билген элбиз. Атадан уул туулса, кул болууга туулбайт. Уул, кызды туткунга бербей турган элбиз. Атабыз Манас. Чабышсаң, чабышканга келгенбиз. Сен кабылан болсоң, мен арстан. Алышканы келгенбиз. Биз Кокон хандыгына карабайбыз. Бирок малды, пулду бер десең аябайбыз. Азыр көл багытындагы элге өзүм канмын. Атам кан Белек алган жеримдин чеги, күн чыгыш жагы Кызыл-Кыя, Сан-Таш, күн батыш бетегелүү Кой-Таш. Атам жердеген жерди, анда мекендеген элди эч кимге суратпаймын.  Өзүм сурайм!»

Тилекмат элчинин бул тайманбай түз айткан, чукугандай сөз таап, жорголотуп, уйкаштырып сүйлөгөн чечендиги Кудаяр ханды таңгалдырып, муюткан экен. Кокондук өкүмдар Тилекматтын талантына ыраазы болуп, кыргыз элчисинин көтөргөн маселеси оң чечилиптир. Мынакей, акылга ширелген чечен сөздүн таасир кылуучу сыйкырдуу күчү. Чечендик өнөрдүн бул сыяктуу өрнөктөрү, үлгүлөрү кыргыз фольклорунда, санжыраларда арбын кездешет!

Сөзмөрлүктүн, чечендиктин кыргыздарда күчтүү өнүккөндүгүнүн себебин учурунда ошол эле В. Радлов үңүлүп издеп көргөн экен. В. Радлов аталган өнөрдүн активдүүлүгүнүн себебин мына момундан көрүптүр. Ал жазат: «Кыргызга тиешелүү бул адаттан тыш чечендик, сөзмөрлүк, аны курчап турган шарт-чөйрөдөн табигый түрдө келип чыгат. Сөз искусствосуна машыгууга кыргыздын убактысы бар. Тамак менен уйку гана жолтоо кылганы болбосо, ал күнү-түнү менен кызыл тилин сайратып сүйлөй берет». (Радлов В. Кириш сөз. – Китепте: Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү. – Санкт-Петербург, 1885-жыл, 21-бет.). Демек, тарыхый-социалдык  планда ой толгосок, феодалисттик, буржуазиялык-капиталисттик өнүгүүнүн тепкичине бут койгон журттарда элдин күч-кубат жөндөмү, таланты илим-билимге, техникага, тарамдалып –тармакталып кеткен татаал өңдүрүшкө, профессионалдык адабият менен искусствого жумшалып, бөлүнүп, чачырап ошол жактарга тарап кетсе, көчмөңдүк цивилизацияда жашаган кыргыздарда калктын бүткүл күчү, кудурет-мүмкүнчүлүгү, элдин бүткүл энергиясы сөзгө, тилге чыккан, поэтикалык оозеки чыгармачылыкка  оогон. М.И. Богданова айткандай, эпоско мобилизацияланган. Мындай жагдай дүйнөдө теңдешсиз эпикалык дастандардын жаралышына жана «ак элечек» Ала-Тообуздун ырдын, ажайып төкмөлөрдүн жана алп манасчылардын, чечендердин, сөзмөрлөрдүн мекенине айланышына алып келген десек жаңылышпаспыс. Демек, кара нөшөрдөй «жааган»  төкмөлүк,  манасчылык өнөр көчмөн цивилизациянын  улуу туундусу, сөз падыша болуп турган замандагы элдин чыгармачылык энергиясынын бир  багытта  концентрацияланып көрүнүшү деп айтуу жөндүү болор.

Калктын бүткүл энергиясын сөзгө мобилизациялаган заман эне тилибиздин казынасында зор лексикалык байлыктын топтолушуна алып келген. Кыргыз тили бай лексикага, макал-лакаптарга, фразеологизмдерге, синоним-омонимдерге, антонимдерге, канаттуу учкул айтымдарга, кыймыл-аракетти чагылдырган этиш сөздөргө, ой-пикирди жеткирүүдө морфологиялык, синтаксисттик, образдык-стилистикалык кенен мүмкүнчүлүктөргө ээ. «Обондуу» сингармонизмге бай.

Дүйнөлүк тилдерди изилдеген аалым Альбертас Лауринчюкас «Ковбои истории и торжество разума» деген китебинде жер-суу, тоо-ташты атоо жагынан кыргыз тилинин абдан бай экенин таңгалуу менен жазат. Дегеле коомдун, адамдын, табияттын не бир түркүн-түстүү кылдат жагдай-көрүнүштөрүн чагылтып берүү жагынан кыргыз тилинин мүмкүнчүлүк – байлыгы миң кырлуу десек жаңылышпайбыз. Бир эле эне тилибиздеги адамдын кулк-мүнөзүнө карата айтылган аталыштарды мисал катары учкай санап өтөлүчү. Карыңыздар, мынакей:

Эмгекчил, мээнеткеч, ак көңүл, кең пейил, кылдат, калыс, жоомарт, берешен, колу ачык, мээримдүү, тобокелчи, саресеп, бүйрө, сылык, дейди, кыйды, какбаш, мастан, долу, дөдөй, суукуйду, серкекөөдөн, меймандос, сыпайы, сынчы, чечкиндүү, чечен, кыраакы, боорукер, нарктуу, калбаат, салмактуу, кара мүртөз, митаам, арамза, карөзгөй, куудул, тилалчаак, жапакеч, назик, жайдары, мактанчаак, алөпкө, желөпкө, жандими, калпычы, жылпыш, жылдырма, куутакым, ичимтап, шалаакы, нускалуу, айкөл, оор басырыктуу, ишенчээк, жеңил ойлуу, кылтыйма, мылжың, кежир, керкакшык, чагымчыл, макоо, кырс, орой, осол, оолукма, чогоол, кейбир, курч, баатыр, тайманбас, кашкөй, эр жүрөк, оома, жүүнү бош, жойпу, шылуун, мүлтүлдөк, куйту, алакөөдөн, көйрөң, куучирен, сылаңкороз, кызкыял, жүрөгүндө жалы бар, эрке талтаң, топуктуу, кыялкеч, суу жүрөк, коркок, майболпоч, чоркок, сараң, эзме, алаңгазар, көк тил, көкбет, түнт, кепжебес, өжөр, кенебес, тоң, көпкөлөң, сайпана, ушакчы, көралбас, жалакай, конур, эринчээк, уялчаак, коймаарек, кызганчаак, айдайкел, ажаан, тажаал, ийменчээк, күлкүчү, оозу ачык, алабарман, айдама, күнкарама, коре, көрөгөч, тайбас, жанбакты, кыраан, элпек, момун, жоош, дейди, аккаптал, копол, тартынчаак, жүдөмүш, чечкинсиз, дардаңкүү, мактанчаак, жалтанчаак, маңгибаш, дүңбаш, дөбөй, аңкоо, чыйрак, илээнди, канаат, сабырдуу, ызакор, аяр, сууктумшук, чынтийбес, ачкөз, куу, таскак, керооз, терсаяк, кылыктуу, шайдоот, шашма, желтаман, тапан, кебекбаш, көржеме, көшөкөр, чуукуйрук, чыр, жылкы мүнөз, иткыял, чаарбаш, жалкоо, тентек, ээнбаш ж.б.

Мынакей, мындай бай мүнөздөмө-аталыштар менен педагогика жана психология илими кенен-кесир чабыттаса болбойбу? Эн, сонун болот. Адамдын күлк-мүнөзүнө карата мынчалык түркүн-түстүү тилдик байлыкты мисалы, ушунчалык даражада орус тилинен учурата албаспыз. Сурагым келет, ушундай орошон тил, Манастын керемет бай тили БУУнун футурологдору айткандай, жүрө, жүрө тарыхтын сахнасынан түшүп, жоголуп кетиши мүмкүнбү? Келе-чексиз болушу мүмкүнбү? Менин бекем ишенимимде уул-кыздарыбыз, тукумдарыбыз эне тилибиздин баркына жете билсе, ага болгон сүйүүбүз ашыпташып турса, эгерде калк башчылары мамлекеттин күчүн, ресурстарын толугу менен пайдаланып, өз эл-журту менен бирдикте эне тил үчүн тикесинен тик туруп, уюштуруучулук иштерди бийик деңгээлде жүргүзүп, мамлекеттик тилдин учурдагы муктаждыктарына жана перспективалуу маселелерине каадалана көңүл буруп, тил көчүнүн башында даанышмандык менен туруп беришсе, төмөнтөн түрүлө кайнап чыккан элдик умтулуу менен өйдөкү бийлик тарабынан чыккан атуулдук демилге кошулуп, улуу кыймыл жаралса, анда кыргыз тилинин келечеги кең жана түбөлүктүү болоруна эч кандай шек жок.

Эми өйдөкү негизги темабыз – сөзмөрлүккө, чечендикке келели. Мына ушинтип, кыргыздын сөзмөрлүк искусствосу кылымдар бою иштелип чыккан бай лексикалык базага жана кенен лингвистикалык мүмкүнчүлүктөргө таянып турат экен. Ошондуктан сөзмөрлөрүбүз, чечендерибиз, акындарыбыз сүйлөп жана төгүп ырдап жатканда өздөрүн эркин сезип, сөз менен не бир түркүн, не бир кылдат манёврларды жасай алышат экен.

Суроо туулат. Бүгүн биз байыртан түптөлгөн эне тилибиздин сөз байлыктарын ата-бабалар пайдалангандай пайдаланып жатабызбы, сөзмөрлүк, чечендик өнөрүбүздү ата-бабаларыбыз өнүктүргөндөй өнүктүрүп жатабызбы? Эне тилибиздин потенциалын жадыратып-жайнатып ачып жатабызбы? Карагылачы, мынабу төмөндөгү сөздөр эмне деген сөздөр, эмне деген сүйлөмдөр? Телевизордон бир мамлекеттик чоң чиновник минтип сүйлөп турат: «незаконно курулган үйлөр снос кылынат; самостоятельно иштеп атат; ушундай бир случай болду; организацияга рахмат айтабыз; МЧС министерствосу; лично звонок кылдым; продукты питания түгөндү; андайлар уже жок; обходной жолдорду жасайбыз; экономикабыз не прозрачный; дополнительный доход; ошондой тенденция болуп атат; риск көбөйүп атат; инициатива кылып..»

Мындай «стилде» сүйлөгөндөрдүн катары  кийинки кездерде көбөйүп жаткандыгына баарыбыз күбөбүз. Ушул сөздөрдү кечээки ата-бабаларыбыз укса, көрсө эмне дешмек? Төбө чачтары тик турмак да. А бирок буга бүгүнкү биздин төбө чачыбыз тик турбай, мындай аргындашкан «дөөдүрөө» көнүмүшкө айланып жаткандыгы өкүнүчтүү. Ырас, «эл ичи алтын бешик» дегендей, журтубуздун ичинде таланттуу сөзмөрлөрүбүз, чечендерибиз бар. Тилдик көрөңгөбүз, кантсе да сакталып турат. Ошентсе да, кийинки кездерде сөзмөрлүк, чечендик өнөрүбүз көрүнөө эле бөксөрүп бараткандыгын жашыра албайбыз.

Кыскартып айтканда, жарандарыбызда, муундарыбызда тилдик патриотизмди, тилдик өзүн-өзү аңдап түшүнүүнү, өз эне тили менен сыймыктануу сезимин тарбиялоону бардык чаралар менен күчөтүү керек. Атабабаларыбыздын сөзмөрлүк, чечендик өнөрүнө кайтышыбыз зарыл. Үй-бүлөдө, бала-бакчаларда, мектептерде, колледждерде, жогорку окуу жайларында сөз маданиятына, сабаттуу жазууга, сабаттуу таза сүйлөөгө балдарды машыктыруу талап кылынат. Илгеркилердин «Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк» болбо, «Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт», «Жаман киши каап айтат, жакшы киши таап айтат». «Сөздү учурунда айтпаса, сөздүн атасы өлөт» деп балдарына айткан нускалары дайыма эсибизде турсун. Өлкөбүздүн бардык аймактарында чечен кепке үйрөтө турган борборлорду, ийримдерде ачуу керек. Академик В. Радлов күбө болгон ата-бабалардын сөзмөрлүк, чечендик салты бүгүнкү урпактардын тилдик жүрүмтурумунда активдүү жашап, учу узарып, учугу улансын.

Педагогикалык илимдердин доктору, профессор Венера Мусаеванын төмөнкү сунушун кош колдоп колдоо керек:  «Чечендик кепке машыктыруу үчүн райондук, областтык, республикалык деңгээлде конкурс, диспут, таймаш, дебат, олимпиададан баштап, семинар-тренинг, илимий-практикалык конференциялардын ар дайым өткөрүлүп турушун камсыз кылуу; Жогорку окуу жайлары тарабынан атайын, «мугалим-ораторлордун» даярдалуусу керек; Изилдөөнүн негизинде кыргыз элинин чыгаан чечендердин акылман кептеринин уюткусунан алынган «Чечендик кепти окутуу», «Кыргыз чечендери – мектепте» аттуу жана башка окуу куралдарын, чечендик кепке байланыштуу эмгектерди басып чыгаруу, фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аларды практикага кеңири жайылтуу маселесин колго алуу зарыл».  (Мусаева В. Чечендик кепке үйрөтүү. – Бишкек, 2013, 165-166-бет). Эне тилибиздин келечегин ойлосок, ушундай иштерди аткарышыбыз зарыл. Сөздү Кыргыз Республикасынын баатыры, эл жазуучусу, кыргыз адабиятынын классиги Түгөлбай Сыдыкбековдун сөзү менен аяктайлы: «Жаңы төрөлгөн баладан баштап, көз жуумп бараткан карыган адамга чейин тилдин ээси. Тил бул кенч. Эне тилин билүү – бул маданияттуулукка жатат. Аны коргоп, сактоо баарыбыздын милдетибиз. Ар бир адам эне тилин билүүсү парз. Өз эне тилин мыкты билип андан соң башка тилди билиш керек. Чоң маданиятка жетиш үчүн адам өзүнүн эне тилин терең билгенде гана башка маданиятты өздөштүрө алат».

XXXIX. КӨП ТИЛДҮҮЛҮК ӨНӨРҮ

Биздин кыргыздын рух казынасында көп тилдүүлүктүн философиясы илгертен эле жашап келген. Буга улуу «Манастагы» баатыр Ажыбайдын 70 түрлүү элдин тилин билген керемет өнөрү күбө болот. Ажыбай «Манаста»: «Кара тилин кайраган, калың топто сайраган,  жетимиш түрлүү тил билген, жетимиш түрлүү эл көргөн» деп мүнөздөлөт. Ал эми «Семетейде» Ажыбайга мындайча кең-кесири баа берилет:

«Кең көкүрөк, бото көз,

Келберсиңки, жайык төш,

Кара тилин кайраган,

Кан алдында сайраган,

Жети бөлөк тон кийген,

Жетимиш уруу тил билген,

Жазы жаак, жалпак тил,

Жаңылбас кара көмөкөй,

Жүйөөсүн таап кеп билгич,

Жүгүрүк, чечен, эп билгич,

Адамзаттан таңдайлуу,

Адамдан чолпон маңдайлуу,

Ырыстуу элдин күндөшү,

Атаң Манас кабылан Ырысына табылган,

Аргын уулу Ажыбай».

Ажыбай көп тил билгендиги менен гана өзгөчөлөнбөстөн, кара тилин кайраган кара жаак чечен дагы, хандардын алдында сайраган дипломат-элчи дагы, татаал турмуштук кырдаалдарда жүйөөсүн таап кеп айтып, кыйын-кыстоо абалдардан эбин таап чыгып кеткен айлакер дагы, жалтанбаган баатыр дагы, эр Манастын ырысына табылган жан жолдошу да болгон. Манастын мамлекети ушундай Ажыбайга окшогон инсандар аркылуу өзүнүн эл аралык мамилелерин жөнгө салып турган.

«Манаста» кыргыз калкы токсон түрлүү эл менен карым-катышта болот. Айтылуу Көкөтөйдүн ашына төгөрөктүн төрт бурчунан калк чогулат. Биздин жергени аралап өткөн Улуу Жибек Жолу да кыргыз баласын алыстагы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына алып барган. Ушундай эл аралык карым-катнаш тажрыйбасынан улам кыргыз эли көп тил билүүнү – эң маанилүү турмуштук зарылдык катары аныктаган. Көп тилдүүлүк өнөрү кыргыз жамаатынын эл аралык аброюнун жана калк аралык карым-катышынын тиреги болуп келген.

«Манаста» көп тил билүү өнөрү жагынан жалаң Ажыбай гана эмес, эл аралык масштабдагы чабарман жаш Айдар да айырмаланат. Жаш Айдар эпосто мындайча мүнөздөлөт:

«Ар жумушка дилгирген,

Алтымыш түрдүү тил билген,

Ары тилмеч, ары акын, Ар жакшыга көп жакын.

Ыраакы, жакын иш кылсак,

Ыкчылдыгы бар эле,

Жалпы кыргыз журтунда, Жакшы болчу бала эле.

Жаман, жакшы сөз келсе,

Жатык жооп кайтарган,

Тыңчылдыгы бар эле,

Усталарга кошулса,

Сырчылдыгы бар эле,

Узактан сөздү көп айткан, Ырчылыгы бар эле».

Атактуу «Көкөтөйдүн ашына» байланыштуу кабарды ар түркүн тилде сүйлөгөн алыскы-жакынкы ар башка калктарга дал ушул «алтымыш түрдүү тил билген» жаш Айдар жеткирет. «Көкөтөйдүн ашында» Каркырага ар түркүн тилде сүйлөгөн «кумурскадай жайнаган» алыскыжакынкы ар кандай калктар чогулган жерде жаш Айдар менен Ажыбайдын тилмечтик роль аткарышкандыгы шексиз.

«Манастагы» Ажыбай менен жаш Айдардын тил өнөрү – бул символ. Бул экөө – кыргыз калкынын көп тилдүүлүк жөнүндөгү философиясын көтөрүп жүргөн каармандар. Бул экөөнүн өнөрү – калк аралык карымкатыштын, диалогдун символу, калктардын өнөр казынасын өздөштүрүүнүн жолчырагы. Ажыбай менен жаш Айдардын көп тилдүүлүгү – бул Манастын бизге калтырган идеялык-руханий мурасы, калкыбыздын эл аралык, интернационалдык даанышмандыгы.

Эгемендүүлүктүн, демократиянын кырдаалында республикабызда Ажыбайдын, жаш Айдардын салты акырындап жанданды. Окуу жайларында Европа жана Азиянын ар түркүн тилдерин үйрөнүү активдүү түрдө колго алынып жатат. Тил билүү – дил билүү гана эмес, дүйнөлүк алдыңкы көчтү кууп жетүүнүн, экономиканы көтөрүүнүн жолу, адамзат топтогон илим-билим казынасынын алтын байлыктарын төтө жол менен үйрөнүүнүн, сиңирүүнүн ишенимдүү ачкычы.

Бир сөз менен айтканда, өткөн-тарыхыбызда жашап келген «Манастын» көп тилдүүлүк философиясын, Ажыбай баатырдын салтын жандандырып, осуятын орундап, актуалдаштырып, дагы да турмушка активдүү киргизүү – өлкөбүздөгү тилдик тарбиянын муктаждыгы. Бүгүнкү дүйнөдөгү эл аралык интеграциянын шарттарында тилдик коммуникациянын муктаждыктары менен үн алышып тургандыгы  аркылуу кыргыздын «Манас» эпосунун көп тилдүүлүк идеясы актуалдуу.

ХХ кылымда катардан күлүк аттай бөлүнүп чыгып, «Манас» эпосунун көп тилдүүлүк идеясын улаган, өзүнүн теориялык көз караштары менен да, чыгармачылык, турмуштук практикасы менен да, кыргыз элинин прогресси үчүн билингвизмдин аба менен суудай зарыл экендигин ырастаган жана аны үгүттөп насыяттаган Чыңгыз Айтматов болду. Ч.Айтматов мындай деп жазат: «Дүйнөдө, анын ичинде Түркстан жергесинде да келечекке карай өсүп-өнүгүүнүн жемиштүү жолу катары билингвизмди колдонуу керек….Азыркы өзгөрмөлүү дүйнөдө бир нече тил билүү турмуштук зарылчылык катары бааланат. Мына ушул жагдайдан улам мен мындай бир формула чыгардым: Азыр эки үзөңгүнүн заманы, эки үзөңгүнү теминмейин алдыга жыла албастыгыбызды да эстен чыгарбайлы «(караңыз: Ала-Тоо» журналы, 2015, № 2, 34-бет). Билингвизм Ч.Айтматовдун ишениминде өнүккөн элдердин илим-билимине, маданиятына карай салынган көпүрө. Кош тилдүүлүк – кош канаты бар дегендикке жатат.

Ар бир тил сөздөрдү эле эмес, түшүнүктөрдү да камтып турат. Ар элдин тилдери өздөрүнүн түшүнүктөрү, ойлом категориялары жагынан ар түрдүү, ар деңгээлде. Демек, адам бир цивилизациянын тилинен, экинчи бир цивилизациянын тилине өткөндө, анын ойлоосунун, акыл жүгүртүүсүнүн, дүйнө кабылдоосунун, көз караштарынын мүнөзү, багыты өзгөрүүгө дуушар болорлугун, анткени дүйнө тааным ар тилде жанагыдай ар түрдүү, көп түрдүү экендигин окумуштуулар тастыкташкан. (Мисалы, В.Гумбольд, А.Потебня). Ч.Айтматовдун өзү да билингвизмдин маанисин ушул нукта төмөндөгүчө аныктагандыгын айта кетели: «Мен ойлойм, бул жалпы адамзаттык маданияттын жаңы аспектиси, себеби билингвизм ар башка тилдерди тогоштурат, демек ар түрдүү таанып-сезүү, бул болсо, илимдердин жана маданияттардын кездешүүсүндөгү көрүнүш катарында аң-сезимдин жаңы деңгээлин жаратат. (Айтматов Ч. В соавторствес землею и водою.-Фрунзе, 1978, 184-бет). Демек, өзүнүн кош тилдүүлүгү аркылуу Ч.Айтматов аң-сезимдин жаңы деңгээлине көтөрүлгөн десек жаңылышпайбыз.

Ч.Айматовдун билингвизми «жергиликтүү улуттук чектелүүчүлүктөн чыгуунун да, кандай болсо да, социалисттик реализмдин кишендеринен бошонуунун, ошондой эле, жалпы адамзаттык нарктарга бет алуунун жолу болучу» деп атактуу адабиятчы К.Асаналиев туура жазган.

Акырында дагы айталы, эне тили менен орус тили деген кош канатты тагынып, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мейкиндикке бүркүт сыяктуу шаңшып учуп чыкканын өз көзүбүз менен көрүп турдук. Дүйнөлүк маданияттын, дүйнөлүк классикалык адабияттын алтын казынасынын эшигин ачып кирүүгө түздөн түз мүмкүнчүлүк түзгөн Ч.Айтматовдун билингвизми, кош тилдүүлүгү, аны космикалык ылдамдык менен көккө учурду. Бул иште албетте, анын тубаса жөндөм-таланты да роль ойноду.

Эне тилди көздүн карегиндей сактоо, өнүктүрүү – биринчи милдет. Ошону менен бирге бүгүнкү эгемендүү Кыргызстаныбыз «Манас» жана Айтматов көрсөтүп турган көп тилдүүлүктүн жолун да жолдогону оң. Көп тилдүүлүк жөнүндөгү «Манастын» салтын уланткан, «эки үзөңгүнү теминген» Чыңгыз Айтматовдун өрнөгү – биз үчүн дайыма эске тута турган сабак.

XL. ТҮРК КАЛКТАРЫНЫН БИРИМДИГИ

Жер  эненин  флорасы  менен  фаунасынан  адамды айырмалап  турган нерсе  – бул ой, аң-сезим, идея. Адам ой менен жашайт, ой  менен азыктанат. Жакшы ой болсо адамдын көңүлү семирет, жаман  ойдон көңүлү ичиркенет. Демек, адам аруу болушу  үчүн биринчи  иретте,  анын ичиндеги  ой  жакшы болуш  керек. Ниетиңди  оңосоң, ишиң оңолот, деп  кыргыздар  бекеринен  айтпайт.  Ушунун  сыңарындай  эле  улут,  мамлекет,  жамаат  да  аруу ой,  акыйкат  чындык,  адилет  идея  менен  түп  жагынан азыктанып  жашашы  зарыл.  Эгер  улут,  мамлекет  түбү түптүү,  нарктуу,  улуу  ой,  идеяларды  жетекке  алып жашаса,  булар  да  ичинен  арууланат,  асылданат,  букаралары  үчүн  жолду  жарык  кылган  чырак  болот,  түбү бекем, керегеси кенен, ууктары урагыс, түндүгү түшпөс болот.  Ошон үчүн эл акылмандыгы «Жакшы ой – туу, жаман ой-уу», «Акыл  – алтын, ой – күмүш», «Акыл байлыгы – азбас байлык, ой байлыгы –  тозбос байлык» деп насаат айтып турат.  Эгерде мамлекет жаман ой, идея менен куралданса, коомдун  ой соолугу  бузулат,  айлананы  «уулайт».  Коом,  улут,  мамлекет  жетекчиликке алган фашизм, расизм, империялык үстөмдүк,  державалык шовинизм, ашынган улутчулдук, диндик экстремизм, апертеид,  терроризм  идеалары  жана  идеологиясы  элжуртка,  дүйнөгө жамандыкты, согушту, кыйроолорду алып келерин тарых  тажрыйбасы далилдеп келет.  Улут, мамлекет да акылдуу, жаркын бийик ойду туу кылса, ал ойлор  өзгөгө  да,  өзүнө  да,  элине  да  алдыга  өбөк, аркага  жөлөк  болуп, басар жолго маяк болуп жагылат.

Кыргыздын улуу эпосунда Манас курган мамлекет да гумандуу идеяларга сугарылган. Манас мамлекетиндеги ак калпак эл-журтка ошондой алдыга өбөк, аркага жөлөк болуп, маяк катары  кызмат кыла турган жаркын улуу ой – бул эл аралык достук, биримдик  идеясы. «Манаста» айрыкча,  коңшулаш, тектеш түрк  калктарынын достугу, биримдиги жөнүндөгү мотивдин күчтүү берилгендигин баса белгилегибиз  келет.  «Байлык  байлык  эмес,  бирдик  байлык»,  «Жалгыз  аттын  чаңы  чыкпайт,  жалгыз  эрдин  даңкы  чыкпайт»,  «Түбү  бирге – түтпөйт» делет  кыргызда.  Сырттан  басып  келген  зордукчул кара  күчтөр  ар  дайым  түрк  калктарын  бири-биринен ажыратып,  бөлүп  таштоого,   алардын түбү биргелигин таптакыр унуттурууга, ынтымагын ичтен  ыдыратып, бузууга  жандалбастап  келген. Жакшылап  карасак, «Манаста» тарыхый  тамырды  сезүү,  түрктүк  өзүн-өзү аңдап  түшүнүү  (тюркское  самосознание)  кыйла  күчтүү. «Манастын»  каармандары  өздөрүнүн түбү кайдан экендигин эч убакта унутушпайт. Ар дайым тили,  дили бирге  канатташ  элдер  менен  баш  кошууга,  бирдикте  болууга умтулушат. Эпосто  кыргыз  баатырлары, казактын  Көкчөсү,  кыпчактын  Үрбүсү,  түркмөндүн Мазбурчак, өзбектердин  Санжыбек, афгандык Акун-Хан, башкырлардын  Жамгырчы,  каракалпактын Бердике кээде өз ара пикир  келишпестиктер  болсо  да,  бирок тагдырды  сыноого  койгон  кыйын-кезең  кырдаалдарда  бир  жакадан  баш,  бир  жеңден  кол  чыгарышып, жалпы  ийгилик,  жеңиш  үчүн,  ынтымак  жана  коопсуздук  үчүн  тикелеринен  тик  турушат. С.Орозбаковдун вариантында Ташкент тараптагы жергиликтүү кыргыз, казак, өзбек элдери Манастын колу менен биригип, Панус Ханды жеңгендиги айтылат.  Эпосто  боордош  калктардын баш кошкондугун көрүп, жаалы келген ниети кара жоо аларды  бир  эле  журт  катары  санап,  «Кыпчак,  Казак, Кыргызын,  калтырбай кырып таштайлы» деген чечимге келип жатат.    Ал  эми  Манас  тереңинде  өзүн  жалаң эле  кыргыздын  эмес,  боордош  түрк  журттарынын  да кулунумун  деп  эсептейт.  Тили,  дили,  дини  бир калктардын  баш  кошкондугуна  дайыма  умтулуп,  Манас алардын  тагдыры  үчүн  да  өзүн  жоопкер  сезет.  Казак менен  кыпчактын  намысы  –  кыргыздын  да  намысы деп  ойлойт. Ошол үчүн алардын тагдыры жөнүндө дайым башын жерге  салып, акыл тегеретип, ичинен убайым жеп: «Түтөгөн калмак кыргызды, түк койбой кырса нетебиз? Казака араан салбайбы, акыретте Манаска, кайгысы түшүп калбайбы!» – деп  баатыр тогуз толгонуп  турат. Дагы айталы тээ  тарыхтын  түпкүрүндө  жатып,  биздин байыркы  чоң  аталарыбыз  жана  чоң  энелерибиз биримдиктин зарылдыгын   сезип,  бул  биримдик  үчүн  бирибирине  кол  созушкан. Казактын  Көкчө баатырынын зайыбы акылман Акеркеч уулу Үмөтөйгө мына  минтип кеңеш берип турат: «Үмөтөй менен Семетей, аты уйкаш экөөң баш кошсоң, айлыңда бузук болчу эмес, сени менен айкашкан душман оңчу эмес, бирликтешсең бир жерге, тырмактуу пенде тиеби?  Суук боор душман киреби? Жери Ала-Тоо, чоң Талас, жергесин тоссо Семетей, жеткилеңдүү Сары-Арка, белинде жатсаң Үмөтөй, кармашып пенде келеби, кагышып душман жеңеби? Айтканым ушул билип ал». Кыргыз-казакка тырмагын салып, айкашам деген суук боор жоого айбаттуу, жеңилбес болуу үчүн өз ара ширелишип, баш кошуунун керектигин Акергеч эне таасын баамдап турат.

Ал эми Ала-Тоо мекенден баскынчы Алооке ханды сүрүп чыгаруу майданын баштаган Манаска «караңгыда көз тапкан» кеменгер Бакай: «Алты-Шаар, Маргалаң, аягы Кокон, Самаркан, кутуруп жаткан душмандан, ажыратып алалы», – деп Чыгыш Түркстандагы жана Орто Азиядагы тили тектеш, боордош калктарды да жоодон куткаруу боюнча ой-пикирин, кеңешин айтат: Анткени кытайлык Алооке Анжияндагы Маргалаңга ордосун куруп, аталган аймактардагы түрк-мусулман элдеринин кактабай канын соруп турган. «Алты-Шаар, Маргалаң, темир аркан торунда, Алоокенин колунда. Койдой кырып Алооке, Коконго кордук салыптыр, алты миң жамбы, миң кундуз, ай сайын алым алыптыр, алымына чыдабай, кайран эл чуулап калыптыр» деп айтылат эпосто.

Кыскасын  айтканда,  кыргыз  элинин  «Манасы»  жалпы  түрк  калктары үчүн  орчундуу мааниси  бар  үлкөн идеялык,  саясий,  философиялык  нарктарды  камтып тургандыгы    жагынан  да  баа  жеткис, ыйык мурас. «Манаста»  түрк  элдеринин консолидациясы,  бириктештик идеясы  бугуп  жатат.  Бул  жагынан  «Манас»  жалпы түрк    дүйнөсүнүн  сыймыгы  катары  бааланышка  толук акылуу. Бүгүнкү күндө тышкы саясатта биримдик, достук, ынтымак дипломатиясын алып барууда «Манастагы» ушул улуу көрөңгөгө таянышыбыз шарт.

Манас, Бакай, Акеркеч сыяктуу эле, дал ошондой достук, биримдик философиясын көтөрүп жүргөн каарман бул – Кошой. Кошой Ала-Тоонун алкагында гана эмес, жалпы Түркстандын масштабында ойлонгон, түрк элдеринин тагдыры, алардын жалпы кызыкчылыктарынын стратегиясы жөнүндө акыл тегеретип турган патриот дагы, ойчул саясатчы дагы. Манас Алтайдан өзүнө учурашуу үчүн келгенде, Кошой ага Анжияндагы Алоокенин фергана өрөөнүндөгү жана Алты-Шаардагы жамааттарга көрсөтүп жаткан кордугу («Алты-Шаар, Кокондон, айдан сабап сарттардан, алым алды ошондон») жөнүндө көөдөнүнөн «көк түтүн» чыгарып, узакка жомоктоп айтып, жаш баатырдын жалпы түрктүк намысына жана аң-сезимине дем берет. Кийин кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде Кошой: «Орчун Кокон, Маргалаң, аягы кептеш Самаркан, күн чыгыш жагы Алты-Шаар, сени күтүп келет деп, күткөн мынча журтуң бар», – деп Манастын кыргыз элинин гана эмес, жалпы Орто Азия жана чыгыш Түркстандын эзилген боордош элдеринин да үмүтү экендигин туюндуруп, баатырга алды жакта масштабдуу милдеттер тургандыгын каңкуулайт.

Кошой кытай-калмактын колонизатордук баскынчылыгынын шартында Ала-Тоодо калып, жалгыздыктын азабын аябай тарткан баатыр. Ал «толкуган калмак, мен жалгыз, серпишип кирип, кол салсам, караан болор тууган жок», деп бекеринен Ат-Башыда Манаска арманын айткан эмес. Баскынчылар менен жеке алышып жүрүп, Кошой каардуу душмандарга каршы түрк элдеринин бириккен күчүнүн зарылдыгын өз жон териси менен сезген.Чогулуп баш кошпосо, түрк-мусулман калктарынын жоонун таманы алдында онтоп жата берерине, эңсеген ийгилик, жеңиш өз ара бекем кол кармашкан ынтымактын, бир муштумга түйүлгөн биримдиктин шартында гана мүмкүн болорлугуна Кошой өзүнүн турмуштук ачуу тажрыйбасы аркылуу терең ынанган. Мына ушундан улам ал боордош журттар менен биригүү идеясын кезиккен сайын Манаска какшап, айтып турат. Кошой: «Кара кытай, манжууга, кабат болсун биздин күч» – деп Манаска кайрылып, Алты-Шаардын, Турпандын, Кашкардын, Лоп дарыянын, Кокондун, Самаркан-Кокон сыяктуу таянычың бар экенин унутпа, «кулак угуп, көз көргөн, бусурманды жыялы, калың аскер шайлайлы, өзүңдөй уулдан миңди алып, баатыр кармашаарың Каканчын, казына камдап, кол жыйна, кайратты мыкты, мол жыйна, бекине турган жерди тап, бели катуу эрди тап», – деп баскынчыларга калктардын калдайган күчү менен каршы барууну насыяттап турат. Кыскасын айтканда, Кошой боордош журттардын бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган бирдиктүүлүгүнүн, достук алака-ынтымак менен тышкы суук боор күчтөргө ала алгыс чеп сыяктуу бекем туруу идеясынын ынанган жактоочусу болуп саналат. Манас  баатырдын түрктүк өзүн-өзү аңдап түшүнүүсүнүн өсүшүндө жана тереңдешинде карыя Кошой активдүү роль ойнойт.

Манас түрк элдеринин бирдиктүү күчү менен кытайлык баскынчы Алооке ханды жеңип, Орто Азия аймагын бошоткондон кийин жалпы түрк хандыктарынын башчылары Анжияндагы Кум-Арык деген жерге   (С.Каралаевдин варианты боюнча) чогулушат: Ошол жерде триумфалдык жеңишке жетишкен Манас Алоокенин түрк элдеринен тоноп алган сан жеткис дүнүйө-мүлкүн, алтын-күмүш дилдесин түрк-мусулман  хандыктарына бөлүштүрүп берүүнү чечет. Элден тонолуп алынган дүнүйөнү кайра элге кайтарып бериш керек. Ушул жерден Манастын айкөлдүгү, акыйкатчылдыгы, өзүм жулайын, алайын, өзүм туйтунайын деген ач көз дүнүйөкорлуктан алыс турган руханий бийиктигине баа бербей койбойбуз. Манас «абам Кошой келсин деп, кытайдан түшкөн сан дүйнө, бусурмандын журтуна, өз колу менен абакем, бөлүштүрүп берсин деп», кат жазып, Ат-Башыдан Кошойду алдырып келет. Кум-Арыктын боюна чогулган элдин ичинде кимдер бар экендиги «Манаста» мындайча баяндалат:

«Кары Кошой каны бар, Бусурмандын баары бар, Кандардын санын айталы:

Кокон кандын Козубек,

Анжияндын айры сакал Санчыбек,

Маргалаңдын  Малабек,

Алты-Шаардын Алабек,

Келген жандын баары бар,

Буудайык кан дагы бар,

Ал келгендин ичинде

Текечи кан, Шыгай кан,

Эштектердин Жамгырчы, Эс билгендин баары бар».

Ушул көпчүлүктүн алдында туруп, үнүн бийик чыгарып, Кошой даанышман бүркүттөй шаңшып, төмөнкүдөй унутулгус жана укмуштуу сөздөрдү сүйлөйт:

«Душманга каршы туулуп,

Дурус келди көрдүңбү,

Бусурман сенин багыңа  Ырыс келди көрдүңбү?!

Көтөргүн Манас шериңди, Таштагыла, бусурман, Кыжың-кужуң кебиңди.

Олжосун бөлүп алалы, Ай-талаада Манасты  Кан көтөрүп салалы.

Кан көтөргөн себебим –  Ичиңде далай душман көп. Кыр жагыңда кытай бар, Кыйрашар душман далай бар. Оолатып алар конуш бар, Басташар жооң далай бар. Дегенине көнөлүк,

Эки тизгин, бир чылбыр, Кабылан шердин колуна Ушу бүгүн берелик.

Дегенине көнүүгө,

Эки тизгин, бир чылбыр

Тартынбай колго берүүгө

Ак буудай унун чайнап бер, Ак куранды кармап бер!

Башчы кылсаң Манасты,

Бирдикти койсоң бир жерге,

Катылып душман келеби,

Кармашып адам жеңеби, Бармактуу адам батабы, Тырмактуу жан тиеби!

Баштык кылсаң Манасты

Күн тийген зоңкок бел ошол,

Карагыла калайык,

Күрдөңдү тапчу эр ушул, Күтүп алар шер ушул.

Туурдугуңду май кылат,

Туура билгин, калайык,

Туш-туш жерге кан кылат, Керегеңди май кылат, Кызыгып кытай кол салса, Кыйратып берчү кул ошол.  Басташып бараң кол салса, Басып берчү уул ошол.

Ойлогула, калың журт,

Көк жал Манас кабылан Ырысың үчүн туулган».

Адамдын оозун ачырган не деген жалындуу сөздөр! Сөздүн төрөсү деген ушул эмеспи. Кошой алп, баатыр гана эмес, оозунан кеби чубурган оратор да экен го. Боордош калайык-калктардын, хандардын алдында Манастын даңкын, кадыр-баркын көкөлөтүп көтөргөн, кызматын кыйкырып баалаган эмне деген укмуш сөздөр! Бул жалындуу кептер эпостогу кайталангыс бир ажайып көркөм кооздук. Бул Манас жөнүндөгү өзүнчө бир бийик ода. Карачы, ойдун не деген масштабы, не деген акылгөйлүк жатат, бул жерде. Бүт  жалпы Түркстандын жалындуу патриотунун, көрөгөч көсөмүнүн, алысты көргөн кеменгер-саясатчынын алтындай сөздөрү. Туш-туштан жутунуп, ыкыс берип турган жоолордун алдында, ички кыжы-кужуну таштап, түрк тукумдарынын биримдигин туу кылып көтөрүү жана өз ара ширелишүү идеологиясын жарыя кылган не деген улуу сөздөр. Кошой кол кармашып биригип туруп, эки тизгин бир чылбырды жалпысынан бир ажого берүү, муну менен түрк эл-журтун аман-эсен сактоо демилгесин көтөрүп отурат. Биримдиктин аскердик гана мааниге ээ эместигин, Манастын калкалоочу канатынын алдында тынч жашап, көңүлдү  жай, чөмүчтү май кылуунун да шарты экендигин Кошой түшүндүрүп таштады. Бул сөздөр-айкөл Манастын тарыхый миссиясынын кең кулачтуулугу, кабылан шердин кыргыз элинин бактысына гана эмес, жалпы түрк элдеринин ырысына жаралгандыгы жөнүндө хандардын алдында сайраган идеолог Кошойдун кайталангыс улуу монологу.

Бул улуу монолог эпостогу Кошойдун образынын ички мазмундук машстабын биздин көз алдыбызды дагы да кеңейтип таштады. Ушуну менен муну айтмакчыбыз:

Кошойдун бул кең кулачтуу сөздөрү жана Кум-Арыктагы түрк элдеринин биригүү акциясы «Манас» эпопеясынын достук, ынтымак, биримдик сыяктуу дүйнөлүк рухийидеялык баалуулуктарды көтөрүп жүргөн улуу мурас экенин ырастайт.

Даанышман Кошойдун жалпы түрк калктарынын камын жеген, коопсуздугун ойлогон бул патриоттук жалындуу демилгесин Кум-Арыкка чогулган эл, түрк жакшылары сүйүнө чурулдап-чуркурап, кээлери жетине албай буркурап ыйлап, түп көтөрө колдоп чыгат. Кеп ушундай болду, эми иш ордуна конду, эки тизгин, бир чылбырды эр Манаска бердик дешип, сегиз хан ак боз бээни жара тартышып, колдорун карысына чейин канга малышып, төрө Манастын тилин албай, ким моюн толгосо, аны төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун, деп шерт кылышат. Түрк хандары, Кошой,  кырк чоро Манасты алтын гүлдүү килемге салып көтөрүшүп, ЖОГОРКУ ХАН катары такка отургузушат. («Төөдөй болгон алтын так, алып келип Манасты, отургузду мингизип»).

Алоокеден ажыратылып алынган дүнүйөлөрдү Манас, Кошой калктардын өкүлдөрүнө калыстык менен бөлүштүрүп беришет.

Мына ошентип, күчтүн да алпы, ойдун да алпы Кошойдун демилгеси менен Манас жалпы Түркстандын жогорку бийлөөчүсү, аскердик өкүмдары  болуп расмий түрдө шайланат. Ырасында эле, азуусун айга  жанган арстан Манас жогорку аскердик өкүмдардын тагында Таласта отурганда, эпостун сюжети боюнча Орто Азиянын жана чыгыш Түркстандын элдерин басып алууга, көз каранды кылууга, эркиндигинен ажыратууга эч ким батынган эмес экен. Түрк элдери эпосто коопсуздукта жашайт. Кошой даанышмандын жогорудагы «башчы кылсаң Манасты, бирдикти койсоң бир жерге, катылып душман келеби, кармашып адам жеңеби» деген сөзү чын болуп чыгат. Кыргыз калкынын, 21-кылымда адамзаттын жалпы көчүнүн тутумундагы стабилдүү бакыбат жашоо-тирилигине бекем тирек болуп берчү жана кыргыз мамлекетинин руханиятын ичтен нурландыра турган жогорку дөөлөт, дагы айталы – бул достуктун, биримдиктин ак жаркын философиясы. Бул философиянын тамыры улуу «Манастан» чубалып чыгат.

«Манастын» биримдик идеясы бүгүнкү жаңы геосаясий кырдаалдардын ыңгайынан караганда да, өтө актуалдуу. Башкача айтканда, айлана-тегерегибиздеги алыскы-жакынкы алышса, адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн» империялардын ортолорунда жашап жаткан чагыбызда, Түрк Республикаларынын Кошой баатырдын жогорудагы биримдик философиясынын нугундагы өз ара ынтымагы, баш кошкондугу, биргелешкен союзу жана бул аркылуу дүйнө калктары менен тынчтык мамиледе жашоо аба менен суудай зарыл нерсе.

XLI. МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ САКТОО,  КОРГОО ЖАНА ЧЫҢДОО

  1. Манас мамлекетинин туусун кайрадан желбиреткен Семетей, Каныкей, Бакай

Акыры «айланайын  элимден, адашып калган мен экем», «аман бол Букар эми» деп,  Семетей өскөн жери менен коштошуп, туулган мекени Ала-Тоого аттанат. Таятасы Темиркан буркурап боздоп, бүт Букар эли чуркурап, Семетейди, Каныкейди, Чыйырдыны узатат.

Касиеттүү Таласка карчыга куштай кайра айланып келип конуп, Каныкейдин «өчкөн оту кайра жанып, өлгөн жаны кайра тирилет». Манастын өлөр алдындагы «атаң Темирканга барганда, мойнуна тумар тага көр, чунагың Семетейди бага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин, ошондо эне-ата жайын билгизгин, колуна мылтык бергизгин, кайра Талас көргөзгүн» деген керээзи мына ушинтип, Каныкей тарабынан чыдамкайлык, өжөрлүк жана каармандык менен аткарылат.

Чоң атам деп издеп келген небересине уу сунган Жакып, жаңы көчүп келген Каныкейдин конушуна бетпактык менен экинчи жолу чабуул койгон, эсирген Көбөш кан («Алты арам абийирди  билбейт семирсе» деп Манас өлөрүндө көрөгөчтүк менен айткан экен.) Семетейдин күчүнө туруштук бере албай, салгылашта жеңилет. «Абыке-Көбөш алты арамдын» бийлиги кулап, калайык-калк өздөн чыккан жаттын кулчулугунан бошотулат. Чыккынчылар, журт бузарлар эл тарабынан жазаланат. Бул процесске Бакай активдүү катышат.

Мына ошентип, Каныкейдин стратегиясы менен Манастын ордосу кайрадан калыбына келтирилип, эгемендүү кыргыз мамлекетинин устуну кайрадан тургузулуп, айкөлдүн туусу Таласта кайрадан желбирейт. Каныкей менен Бакай көздөгөн мүдөөлөрүн ишке  ашырышып, «оңдоду Кудай ишимди, келтирди Кудай түшүмдү» дешип, улуу жеңишти тойлошуп, чечекейлери чеч болуп турат.

Атасы айкөл Манасча, энеси Каныкейче улуттун стратегиясын ойлонгон Семетей «кыргыз минтип чырдашса, араң турган Коңурбай, олжо кылып кетпейби, бириндебей бек болуп, беттешкен жоону кектейли» деп, тышкы жоонун алдында  бир муштумдай болуп биригүүгө эл-журтун чакырып, акыл бийиктигинен бүркүтчө шаңшып турса, Бакай карыя Семетейди колдоп, «Серпишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла» деп, калкты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга үндөп, көсөм акылы менен көңкү журтка жол көрсөтөт. Айкөлдүн туягы-эр Семетейди арка-бел тутуп, санаасы тынган ак калпак журт Манастын кайрадан көкөлөп көтөрүлгөн туусу астында, өзүнүн жаңыча тирлигин баштайт.

  1. Каныкей Манастын мамлекетин кантип чыңдаган?

Уруш-согушу, талаш-тартышы бүтпөгөн, жоосу күтпөгөн жерден кайдан, качан келери билинбей кооптондурган коогалуу заманда кыргыз элинин башынан карлуу бороон, катуу күн өтпөй койбосун болжоп, Каныкей калайыкжурттун күч-кубатын көтөрүү, Манастын бири миңге татыган кырк чоросунун аскердик кудурет-күчүн, камылга-даярдыгын чыңдоо жөнүндө тымызын ойлонот. Ушул багытта ичинен бир чечимге бекип, өзүнчө ар тарабынан ойлонулган план түзүп, ошол долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн өз алдынча астыртан чечкиндүү кадамдарды жасай баштайт. Ал журттун ичиндеги колунан көөр төгүлгөн усталарды, жез оймок уздарды, көзгө атар мергендерди, балбандарды жана башка түркүн өнөрлүүлөрдү чогултуп, алардын күчүн уюштуруп, эл үчүн маңдайдан тер агызган мээнетке чегет. Өзү да белин оорутуп, колун жоорутуп, көз майын коротуп, күн-түн түйшүккө белчесинен батып, узак эмгектенип, акырында «кара калмак, манжууну, каршы-терши турушуп, карсылдашып урушуп» калса деп, кырк чоро үчүн жоо кийимдерин, аспап-шаймандарын, гүлазыгын, дары-дармегин, мине турган күлүктөрүн, а түгүл урушта жарадар болуп калса, колдонула турган тинтүүрдөн өйдө шайма-шай камдап таштайт.

Ошондо Манас зайыбынын кырк чорого тымызын көргөн камкордугуна, астыртан иштеген керемет сарамжалына ичинен терең ыраазы болуп, жолдошторунун алдында: «атаң-энең дебеске, артылта камчы салбаска, артынан күнү албаска, ак келтенин огу урсун, көк милтенин чогу урсун!», – деп мындан ары Каныкейди ыйык тутарына шерт берет.

Мына ушинтип,  Манастын кошуунунун  аскердик күчүн арттыруу үчүн көргөн Каныкейдин сарамжалы Чоң Казатта чоң роль ойнойт. Кыргыз баатырларынын салгылаштагы ийгиликтерине зор өбөлгө болот. Алмамбет жарадар болгондо, Каныкейдин камдап берген дарысын ичип, оңолуп, кайрадан урушка кирет. Ошол эле Каныкейдин адам таппаган амалы менен жасалган Коңурбайдын Алгара күлүгүнүн кебин Сарала тулпарына кийгизип, Алмамбет душмандын чегинен байкалбай өтөт. Каныкей камдаган гүлазык жоокерлерге түгөнгүс дем болот. Чоң Казат учурунда Аккуладан ажырап калган Манаска алыскы ооруктан Тайбуурул тулпарды шашылыш майданга жөнөтүп, Каныкей өмүрлүк жарын дагы бир жолу өлүмдөн сактап калат.

Кыскасын айтканда, кырк чорого алдын ала тымызын камдаган согуштук кийим-кечеси, тулпарлары, азык-түлүгү, дары-дармеги бир жагынан Каныкейдин жанын таштап иштеген  мээнеткечтигин, укмуштуудай узчулук өнөрүн, чебер айлакерлигин айгинелеп берсе, экинчи жагынан канышанын элдин башына түшчү жамандык-жакшылыктар жөнүндө күн мурун ойлонгон, өз өлкөсүнүн, улутунун чоң кызыкчылыктарынын багытында акыл чуркаткан, Манастын мамлекетин күчтөндүрүү үчүн күн-түн күйүп-жанган, чыныгы элдик аял лидердин сапатына эгедер, нагыз Акыл Карачач экендигин тастыктаган. Эгерде бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын ар бир жараны өз мамлекетин чыңдоого Каныкей сыяктуу мээнеттенип салым кошсо, анда өлкөбүз өргө карай тездик менен өркүндөп өсөр эле.

  1. Кошой атанын насыяты: «Ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда»

Арстанбек акын айткандай, бүгүнкү «устаранын мизинде оодарылган» заманда экономикалык кризиске кабылып, тышкы карыздарга баткан Кыргызстандын абалы татаал. Ушундай кыйын шарттарда өлкөбүздүн үстүндө ар кандай эл аралык геосаясий күчтөр жорудай айланып, массалык маданияттын агрессивдүү  чабуулдары күч алып, жарандарыбызды христиандаштыруу, исламдаштыруу миссиялары активдешип, диндик  экстремизм курчуп, атуулдарыбыздын чет өлкөлөргө агымы улам арбып,  алардын ордуна тыштан келгиндер чубуруп кирип, коомубуз бейпил эмес. Ушундай кырдаалда улуу Манас эпосубуздагы Кошой атабыз кайрадан эсибизге түшөт. Манас эл журту менен Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, Сары Өзөн-Чүйдүн түзүндө туруп, Кошой Манаска төмөндөгүдөй эң орчундуу, стратегиялык маанидеги насыят кеңешин берет:

«Кенен ойло башынан,

Кебелбес болсун казынаң,

Калың бороон, катуу күн,

Кулунум, канчалык өтөөр башыңан,

Кыр-кырда кыргыз элиңе,

Кызыккан жандар дагы бар, Кылчайбай канды агызар,

Кызыталактын баары бар.

Элиңди түгөл башкарып,

Өз алдыңча болгондо,

Сени таштап койбос жеп-жеке.

Суроодон угар дайныңды,

Күтүнбөстөн сен жатсаң

Бир күнү чабар айлыңды.

Ошого моюн бербеске, Ок өтпөгөн тон камда,

Ок жетпеген ат камда».

Мынакей, ак калпак кыргыздын улуу жаранынын сөзү. Бир боор журтунун стратегиялык кызыкчылыктарын сак-сактап кайтарып, мекенинин, мамлекетинин, жамаатынын тагдырын, коопсуздугун, келечегин ойлоп ар дайым санааркап, ой толгоп  турчу демейки Кошойду бул насыят сөздөрдөн дагы бир жолу көрүп отурабыз. Бул осуят кыргыз үчүн эскирбес, түбөлүктүү дөөлөт дегибиз бар. Бул насаат кудум бүгүнкү бизге айтылып жаткандай. Ойлойлучу, Кошой олуя ушул сөзүндө айткандай, бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиз «калың бороон, катуу күнгө кабылып» отурган жокпу? Эгемендүүлүгүң менен жыргап жата бер, деп дүйнөлүк империялар бизди жайыбызга коюп койдубу? Жок. Тескерисинче, «кыр-кырда кыргыз элине кысталактардын баары» кызыгып, жутунуп турбайбы. Бир эле Алайдын ары жагындагы талибандарды эстейличи.  Күтүнбөстөн жатсак, айлыбызды бир күнү чабар күчтөр толтура  экендиги кимге маалым эмес. Баткен согушун кантип эстен чыгарабыз. Ошол Катагандын кан Кошоюнун убагында Таласта хандыкка жаңыдан отурган Манасты кайра Алтайга кубалоого Алооке далбастабады беле. Кыргыздарга капыстан кол салган Шоорук ханды, «Көкөтөйдүн ашынын» аягында кыргыздардын жылкысын тийип, Каңгайга айдап кеткен калмак-кытайларды, ич жактан козголоң чыгарган алты ханды эске түшүрөлүчү. Манастын мамлекетин Кошой айткандай, «кысталактар жеп-жеке тыштап» койгон эмес. Тарых азыр кайра кайталанып жатат.

Баамдасак, Кошойдун жогорудагы кыргыз мамлекетин ар кандай ниети кара күчтөрдөн  сак-сактап  кайтаруу, «ошого моюн бербеске», казынаны калыңдоо, «ок өтпөгөн тон камдоо, ок жетпеген ат камдоо» жөнүндөгү осуяты биз үчүн бүгүн актуалдашып, алдыбызга «айкүрүнөн» туруп жатат. Демек, азыркы кыргыз  коомуна биринчи иретте, Кошой сыяктуу элинин эгемендүүлүгүнүн, мамлекетинин бүлүнүп, таланып-тонолуп жок болушун өзүнүн жарандык өлүмү, улутунун өлүмү катары кабыл алган, бирөөлөргө күнкор болуп жашаган тири өлүк тагдырды түк көтөрө албаган, өз улутунун, өз мамлекетинин эркиндигин сактоо жана коргоо үчүн жанын курман чала турган, атуулдук ар намыстын туусун бийик кармаган мекенчил патриоттор керек.

Айтмакчы, Кошойдун ушул эле «кенен ойло башынан, кебелбес болсун казынаң, ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда» деген осуятынан, байкасак, Ала-Тоодо күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү идеясы баш багып турат. Ырасында эле, өзүбүздүн улуу мурасыбызда, улуттук көрөңгөбүздө чөгүп жаткан ушул күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү философиясын Манастын жана Кошойдун бүгүнкү урпактары  – биз жетекчиликке алышыбыз керек демекчибиз. Билек түрүнүп, өлкөбүздү кризистен алып чыгып, кедейчиликтен куткарып, анан күнү-түнү чеке тердетип, күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү биздин улуттук идеябыз болуп калса. Убагында шер Манас Кошойдун бул осуятын жерге таштаган эмес. Манас атабыз Ажонун тагында отурганда өз айланасына Бакай акылман, ошол эле Кошой даанышман, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай сыяктуу кашкөй баатырларды топтоп, кырк чоро сыяктуу өңчөй көкжалдардан турган топту курап, мамлекетти локомотив өңдүү сүйрөй турган күчтүү команданы түзүптүр. «Калк энеси» деген атка конгон Каныкей «сайса найза тешпеген, атса ок өтпөгөн» аскердик керемет кийимдер менен кырк чорону жабдыган, Манастын кошуунуна гүлазыкты, дары-дармекти мол камдап, анын күч кубатын арттырган. Бөлөкбай уста  Манаска «шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» ач албарс кылычты, «шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган» сыр найзаны жасаган. Манас кырк уруу кыргыздын биримдигин чыңдаган, түрк элдерин кыргыз мамлекетинин айланасына бириктирген. Демек, Манас, Кошой  атанын осуятын орундап, «ок өтпөгөн тону бар, ок жетпеген аты бар» күчтүү кыргыз мамлекетин түзүүгө үлгүрүп, кылымдарга аңыз болуп калган эрдикти жасаган.

Айкөл Манастын бул тажырыйба-сабагы кимге таалим эмес да, кимди гана ойлонтпойт. Кошойдун кеп болуп жаткан осуятынан чыккан улуу идеяны биз дагы Манас ата сыяктуу кастарлап, тутунушубуз шарт. Глобалдашуунун аз сандагы улуттарды оп тартып жутуп коюу опурталдуулугунун шартында кебелбес казынасы, ок өтпөгөн тону, ок жетпеген аты бар, ар намыстуу заты бар мамлекет биздин таянар тообуз. Капчыктуу, бирок интеллектиси төмөн, өзүмчүл, ээк алдынан башканы көрбөгөн, керек болсо, элин, жерин сатып жибере турган атка минерлерге эмес, жанагындай Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай, Каныкей сыяктуу кабылан башкаруучу-лидерлер командасына эгедер күчтүү кыргыз мамлекети гана улуттун бүгүн жана келечекте сакталышына гарант болуп бермек.

Ушул жагынан алганда бүгүнкү өлкө жетекчилеринин мекенибиздин аскердик күч-кубатын чыңдап жатышы журтубузду кубанта турган иш.

Кыскасы, образдуу айтканда, Кыргыз мамлекетинин өзүнүн «Кошой коргону» болсун. «Манастагы» «Кошой коргонду» символдук мааниде түшүнсөк болот. Дагы айталы, улутубузду бекем, түбөлүктүү салынган «Кошой коргон» калкаламак. Бирок «Кошой коргон» десе, АлаТоонун айланасын курчай «кытай дубалын» куруу керек экен деп түшүнбөө керек. Сөз күчтүү илим-билимден, маданияттан жана Кошой менен Манастыкындай күчтүү патриоттук рухтан курулган «Кошой коргон» жөнүндө болуп жатат. Демек, алдыбызда кечиктирилгис опол тоодой милдеттер турат. «Манаста» айтылгандай:

Талаада аккан булак жок, Дардайып жатар убак жок. Кесүүгө тиккен багың жок

Керсейип жатаар чагың жок».

Ишти биринчи жаш муундардан баштоо зарыл. Мамлекетибиз, мекенибиз, улутубуз ич жактан бекем, келечеги кең болсун десек, бүгүн өсүп жаткан муундарыбызды акчага, алтын-күмүшкө, мансапка, байлык-бийликке, күнүмдүккө болгон кумарга, «махабатка» эмес, чет өлкөлүк идолдорго сыйынууга эмес, индивидуалисттик өзүмчүл прагматикага эмес, Ата-Журтка агынан жарылган ак жаркын патриоттук сүйүүгө жана эл-жерине кан-жанын берген жарандык улуулукка, күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү мүдөөсүнө, бир сөз менен айтканда, Кошойдун патриоттук  руханиятына тарбиялашыбыз керек.

Жоомарт Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» поэмасындагы «элдин керегине жарасам арманым калбайт» деген он үч жашар баладай жалындаган патриоттор – мамлекетибиздин бекемдигинин кепилдиги.

XX-XXI кылымдарда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө калыптанып, өнүгүшүнө эмгек сиңирген Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов. Баялы Исакеев, Ишеналы Арабаев, Исхак Раззаков, Турдукан Усубалиев,

Апсамат Масалиев, Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаев, Султан Ибраимов. Эгемендүү демократиялык мамлекетибиздин негизделишине, торолушуна атуулдук салымын кошушкан. Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Жумагул Сааданбеков, Насирдин Исанов, Турсунбек Чыңгышев, Амангелди Муралиев, Роза Отунбаева, Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, Чыныбай Турсунбеков жана бүгүнкү күндө алп Кошой бабабыздын «Ок өтпөгөн тон камда » деген осуятын орундап, өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдап жаткан президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич, экономиканы өстүрүп жаткан Акылбек Жапаров, өлкөнүн коопсуздугунун сакчылыгында бекем турган Камчыбек Ташиев сыяктуу коомдук ишмерлерибиздин жарандык наркын муундарыбызга айтылып турушу керек.

  1. Тарыхтын сабагы: Мамлекеттин дубалдары эмне үчүн урады? Өкүмдардын тагы эмне үчүн кыйрады?

Мамлекеттүүлүктү сактоо, коргоо, чыңдоо маселесине келгенде, дагы бир орчундуу жагдайды сабак катары баяндап өткөнүбүз оң.

Мамлекетимди сактайм, коргойм, өнүктүрөм, бекемдейм деген бийликтин ишмердиги чындыкка, чындыкты сүйүүгө негизделиши керек. Өз тулкусундагы илдеттерди так аныктап, аларды дарылап айыктырууга умтулбаган коом, кемчиликтерин жашырып, өзүн-өзү мактаган мамлекет алдыга арыштап өсө албайт. Эл-журт бийликке орун алган өксүктөрдү, жаңылыштыктарды бийликке ачык айтып, ал эми бийлик чындыктын үнүн угуп, туура жыйынтыктарды чыгарып турганда гана алга ийгиликтүү жылуу болуп, мамлекеттин пайдубалы улам чыңдалып турат. Өкүмдарга, ханга тайманбай сын берип, чындыкты түз айткан, ак сүйлөгөн каармандар кыргыз жомокторунда, уламыштарында сүймөнчүлүк менен даңаза кылынат. Маселен, «Акыл Карачач» жомогунан мобу эпизодго көңүл буралы. Окуйлу:

«Жаныбек хан Жээренче чеченин үйүнө келди. Жээренче чечен хандын үйүнө келгенине сүйүнүп, жакшылап конок кылды. Жаныбек хан: – Төрт суроом бар. Акыл Карачач жооп берсин, – деди.

Тулпарды уйга сатса не болот?

Атты эшекке сатса не болот?

Туйгунду каргага сатса не болот?

Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот?

Ушул суроолорумдун жообун таап койгун, эртең кабар аламын, – деп Жаныбек хан аттанып кете берет. Жээренче чечен хандай жооп болот дегендей, капаланып отуруп калат.

-Атаке, ага анчалык эмнеге капа болосуз, Жооп табылар… «Хандын пейли бузулса, калкына бүлүк түшөт, башына чүлүк түшөт», дептир. Хан Жаныбек жакшылык көрбөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман болсоңуз аны өз көзүңүз менен көрөрсүз, мен анын сөзүнө жооп берем, – дейт.

Хан Жаныбек эртеси эртелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Ошондо камыкпаган Акыл Карачач жайбаракат отуруп ханга берген жообу:

«Жаныбек ханым, бузулду заңың, Бул хандай жорук, тынчыбаган жаның.

Тулпар тушунда, күлүк күнүндө, күч бербеген тулпардан сүтүн берген уй жакшы, пайдасы жок туугандан пайдасы тийген кыйыр жакшы.

Чабал аттан – чарчабаган эшек жакшы. Жаш суу жыгач отундан – жаркырап күйгөн тезек жакшы. Канаты жок туйгундан – канаттуу карга жакшы. Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун оңчубу, салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук болчубу?  Ханым, менин тапканым ушу, сиздин укканыңыз ушу, – деп Акыл Карачач ордунан туруп, басып кетти. Хан Жаныбек арданып кайтты.» («Кыргыз эл жомоктору» китебинен).

Бул жерде белгилей турган нерсе, Акыл Карачачтын, «Жаныбек ханым, бузулду заңың» деп жалтанбай чындыкты бетке айткандыгы жана хандын суроолоруна жымсалдабай, ачык-айкын акылдуу жооп-торду бергендиги. Кайнатасы Жээренчеге да, хандын элге жек көрүмчү болгондугун ачык айтып отурат. Ал эми Жаныбек хан Акыл Карачачтын сынынан туура жыйынтык чыгарбай, арданып сокур намыска жеңдирди.

Бийликке жалтанбай чындыкты айтуу, ачуу сын айтуу кыргыз наркында боло жүргөн нерсе. Хан бийлигинен нарк жогору» деген кыргыз. Илгери Санчы сынчы: «Сенин бийлигиңдин тушунда кыргыз эли чабылып чачылат, дөөгүрсүгөн хандыгыңдан акыры бирди көрөсүң», – деп Хан Кудаянга ачык айткан. Мындай хандан, бектен кайра тартпаган чынчыл, сынчыл салт эгемендүүлүктүн тушунда да уланды. Ат-Башы районунун ардактуу аксакалы Калыбек Арабаев жөнүндө «Фабула» газетасы төмөндөгүдөй деп жазат: «Калыбек аксакал менен бүткүл Кыргызстан сыймыктанса болот. Бакиевдер эчкимди көзгө илбей дөөгүрсүп турганда, алар өткөргөн курултайда элдин чындыгын айтып чыгып, Президент Курманбек Салиевди безге сайган. Данияр Үсөнов Нарынга барганда калк көзүнчө жарга такаган. Кийин бажыкана бери жыларда «жер кеткенче башыбыз кетсин» деп калың элди көтөргөн. Дайыма чындык үчүн чыркырап келген Калыбек аксакал болгонун болгондой айткан калыстыгы менен да белгилүү». («Фабула» газетасы, 20-декабрь, 2013-жыл).

Бирок тиликке каршы, мамлекеттик бийлик төбөлдөрү, Ажолор жарандардын чынчыл, сынчыл акыйкатына адат катары кулак какпай келет. А түгүл, алиги Азиз хан сан жылкыларыңдын ичинде чыныгы тулпар жок деп чындыкты айткан Толубай сынчынын көзүн ойдуруп салбады беле. Ушундай жол менен мамлекетти чыңдоого болобу? Ушул багытта сөздү дагы уланталы.

Карт тарыхтын узак жолуна тигилип отурсаң,  дайыма бир туруктуу көрүнүштү байкайсың. Коом, мамлекет, Мекен, эл дегениңдин эки башка мүнөзү, жосуну бар эки түрдүү баласы, эки түрдүү атуулу болот. Томолок жердин үстүндөгү кайсы жамаатты караба, бир боор  мекенинин кучагында бири-бирине карама-каршы тагдыр күткөн, эки башка жолду тутунган эки уулду көрөсүң. Кечээки Россияны карасаң, адаттагыдай мунун да эки баласы бар: биринчиси жазуучу  Кукольник, экинчиси айтылуу чыгаан Чаадаев. Же биринчиси баягы Кремлдик Суслов, экинчиси Сахаров. Мынабу көчмөн кыргыз коомуна келсең, мында да кыял-жоругу  эки башка эки атуул жашап турат, биринчиси ырчы Арзымат, экинчиси акын Токтогул же Акыл Карачач, Санчы сынчы, же Толубай сынчы. Көп учурда  мамлекет, бийлик өзүнүн бул эки атуулуна эки башка көз менен карайт. Кукольниктер, Арзыматтар, Сусловдор ар дайым бийликтин сүймөнчүгү, эрке талтаңы. Мамлекет өзүнүн мындай балдарын канаттууга  кактырбайт, тумшуктууга чектирбейт, туяктууга тептирбейт. Анткени кукольниктер, сусловдор, арзыматтар бийликтин көзүнүн агы менен тең айланып турган букаралар, бийликтин ырын ырдап, камчысын чапкан жарандар, жүргүзүлүп жатхан саясаттын сакчылары, жашап турган тартиптердин күзөтчүлөрү. Жүргүзүлүп жаткан саясат акыйкатка, чындыкка негизделсе жакшы го. Бирок тарыхта  иштин абалы  көп учурда бир кездеги кыргыздын улуу патриот уулу Жусуп Абдрахмановдун төмөнкү айтканындай болуп келатпайбы.  «Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан сүйүүнү, кам көрүүнү талап кылган, ал үчүн иштөө керек болгон мамлекет эмес, тек гана жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө ылайыкталган объект. Элимдин бактысыздыгы мына ушунда».

Ал эми ошол эле мамлекет өзүнүн жанагы экинчи уулуна келгенде козусун жериген койго окшош. Мамлекет өзүнүн чаадаевдерин, санчы сынчыларын, толубайларын, сахаровдорун, көп учурда кодулап, өгөйлөп, аларды көргөндө кабагын түйүп, тиштерин кычыратып турат. А түгүл кээде аларды «акыл-эсинен ажыраган жинди» деп да жар салып жиберет (мисалы: Россиянын Чаадаевди «Философиялык каттары» үчүн жинди деп жарыялаганы сыяктуу). Азиз хандын Толубай Сынчынын көзүн чукуп салганын да эстейли. Бийликтин аларга аркасын салып, кыртыштап, кыргый кабак болуп, катаалданып жатканы, анткени эркин ойлонгон атуулдун сынчыл духу жанагы «жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө» умтулган, мамлекеттин атына жамынган кара жемсөө кызыкчылыктарга каршы келип жатпайбы.  Дагы бир жолу айталы, сынчыл, чынчыл букаралар бийликтин тиги «сүймөнчүк» уул-кыздарына  окшоп, өз коомун, өз мекенин көзүн  чылк жумуп алып сүйбөйт, ага аң-сезимсиз түрдө сокурлук менен берилбейт, айтканына кың дебей көнүп, айдаган жагына  баспайт. Чаадаевдер, сахаровдор, Санчы сынчылар бийликке,  өз коомуна карата дайыма дистанцияны кармап турат. Алар өз мекенине, эл-журтуна талдагыч, изилдегич акыл-эс менен карайт. Ошон үчүн алар бийлик менен кучакташып, жытташып, коюн-колтук алышуунун ордуна, оппозицияда турууну артык көрөт. Мамлекетке, бийликке, керек болсо калкка чучукка жеткизе ачуу сын айтат. Ал эми мамлекет болсо өз оюнда, өзүнүн чаадаевдеринен, толубайларынан, сахаровдорунан, Санчы сынчыларынан көбүрөөк жабыркап жатам деп ойлойт. Буларды жолумдагы башкы кыскагым деп да түшүнөт. А чын-чынына келгенде, тескерисинче, мамлекет, Мекен, бийлик өзүнө «айым», «күнүм» деп жалбарган жанагы сүйүктүү кукольниктер, арзыматтар сыяктуу «патриотторунан» көбүрөөк зыян тартып жатканын аңдабайт. Ырасында эле, түпкүлүгүндө букаралардын аң-сезимсиз энөө сүйүүсүнөн, сокур берилгендигинен, анткор көшөкөрлүгүнөн мекенге опаа аз.  Анткор сүйүү те эзелки замандан  бери карай кай жерде, кай өлкөдө болбосун бийлик, мамлекет менен күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып жашап келе жатат. Бул өңдүү социалдык илдетке Орто кылымда Алишер Навои кабатырланып,  кайгыланса,  бүгүн Ала-Тоонун жаш  атуулу Абдувахаб Мониев санааркап, Асанкайгы болуп отурат: «Жашоо үчүн ханга кызмат кылдыкпы, сокур болуп, дүлөй болуп тындыкпы, бирок ошол тагдыр хандай кылмыштуу». (Навои). «Арийне, бийликтеги адамдарды бир тараптуу мактап, ошолор чийген чийинден чыкпай, мамлекеттик бийликтин саясатындагы кемчилик, катачылыктарды элден жашыруу мамлекетке да, элге да, анан калса, дал ошол «бийлик ээлеринин» өздөрүнө да зыяндан башканы тарттырган жок.»  (Абдувахаб Мониев. «Эркин Тоо», 28.01.2011). Кылымдардан бери карай  өзүнө каршы күрөш жүрүп келатса да, эмне үчүн бийликке болгон «Көшөкөр сүйүүнүн»  тамыры соолбой, кайра уламдан-улам күчөп, алоолоп жанат? Анткени кайсы гана заман болбосун киши пендесинин «моторун» айлантып турган жеке кызыкчылык деген нерсе бар. Киши деген өлгөн жок, ошон  үчүн жеке кызыкчылык да өлбөйт. Мамлекеттик, коомдук, элдик мүдөөлөр менен гармонияга келтирип, айла-амалын таппаса ,  «жети баштуу»  жеке кызыкчылык бардыгын мойсоп коюшу мүмкүн. Жеке кызыкчылыктын желмогузу  араанын ачып, абалды жылмалаган көшөкөрлөр менен коюн-колтук алышып, мамлекеттик деңгээлде үстөмдүк кылган жерде көпчүлүктүн, элдин иши кыйрайт. Тилекке каршы тарыхта көп учурда ушундай болуп келет.

Оо, бу төшү түктүү жердин үстүндө  «чолок  акыл» бийлик ээсинин колтугуна балдак болгон арзыматчылыктан улам хандай гана трагикокомедиялар  ойнолбоду. Жогоруда Абдувахаб Мониев  катачылыктарды, кемчиликтерди жаап-жашырып, бийлик ээлеринин алдында абал-жагдайды төгөрөгүн төп кылып көрсөткөн жагынуучулук, түпкүлүгүндө өзүнө астыртан комфорт түзүүгө умтулган сырты жалтырак, ичи калтырак амалкөйлүк акыры келип ошол өкүмдарлардын өзүнө зыян алып келерин айтып жатпайбы. Бийликке  арналган анткор «сүйүүгө» ишенип алып, көзүн май басып, бир күнү  тагынан ажыраган  ажонун таргикокомедиясын төмөнкү ыр саптарында чагылдырууну көздөдүм:

Кубулма экен Кудай урган бу дүйнө, Жылмышма экен жылас басхан куу дүйнө.

Оозумду ачып, айран калган мен болдум.

Тактан ыргып, «талп» деп түшкөн сен болдуң. Мактоо, даңктоо ураандарга ишенип,

Кечээ өзүңдү укмуш сезген шер болдуң. Тактан түшүп, эми мына ким болдуң? Кечээ эле гений дешкен, пир дешкен, Бүгүн мына «тарс» жарылган жел болдуң. Күндөйсүң  деп, кечээ өбүшкөн бетиңе, Түкүрүшсө, айлам куруп дел болдум.

Тебелешип жакшылыгың  көргөндөр, Арстан эмес, чычкан менен тең  болдуң… Пирим дешкен көшөкөрлөр мынакей, Азыр ушул эшектерге  жем болдуң… Амалкөйлөр колтугуңа киргенин, Учурунда көрбөй неге көр болдуң?

Ачып жүрсөң болмок экен көзүңдү, Жаңы Ажого жагыш үчүн ошолор, Бөрүлөрдөй талап жатат өзүңдү…

Арзыматтарды, Сусловдорду, Кукольниктерди тирегим деп алчактатып эркелеткен өкүмдарлар көп учурда ошол өзүнүн «сүйүктүүлөрү» колдуу болуп жаздым болгондугу тарыхта көп кездешип келет. Тактан кулаар менен  өздөрүнүн «айын», «күнүн» жарадар аркарды топ тайган талагандай, арзыматтардын басып калганы кызык. Тарыхтын мындай таалиминен бүгүнкү бийлик ээлери көздөрүн чоң ачып, сабак алганы оң.

Чыныгы атуул, нагыз интеллигент өз элинин адашууларын, иллюзияларын эмес, калктын тагдырын тең бөлүшөт. Ушундай атуулдардын чыргоолонуп, күйүп-бышып айткан сөздөрүнө  кулак төшөп, андан сабак алуу акылгөйлүктүн иши. Жанагы көздөрүн чылк жумуп алып, өпкө-жүрөгүн садага чапкан ляппайчыларга караганда Ата-Журтка, мамлекетке каяша кылып, моюн толгоп, «чындыктын чечекейин жара сайып» турган оппозициячыл-букара бийликке, коомго көбүрөөк керек да, көбүрөөк пайдалуу. Оппозициячыл, чынчыл букара – бул бардыгын жөнү жок эле чычая тана берген нигилист эмес. Анын Ата-Журтка, мамлекетке, бийликке  айткан ачуу сыны, каяшасы менен талаш-тартышы мекенимдин ийрисин түзөйм, кыйшыгын оңойм деген атуулдук абийиринен чыгат. Ал чын жүрөгүнөн минтип айта алат: «Элимди аябастан сындаганым – калкымды ошончолук  сүйгөндүгүм, түзөймүн деп бу турмуштун кыйшыгын, жоготкомун жан дүйнөмдүн тынчтыгын, жамандардын жалган, арам, кынтыгын, көзгө мээлеп атып турат «мылтыгым», өз элимдин кайгы-муңун, кырсыгын, мойнума алам суугу менен ысыгын, кемтик менен келишпеген сынчымын, ошон үчүн бүтпөйт менин «ыр-чырым», таалайы ушул, тагдыры ушул сынчынын, мекенимдин бүтөйм тешикжыртыгын!.». Сынчыл, чынчыл атуулдун адеп-ахлагы ушундай.

Кыскасын айтканда, биз алды жактагы жакшылыкты көздөгөн чыныгы оппозицияга, өзүбүздүн чаадаевдерибизге, сахаровдорубузга, санчы сынчыларыбызга, толубайларыбызга жол ачышыбыз керек. Мамлекет мына ушундай уул-кыздарга оң көз менен карап, алардын конструктивдүү сынчыл бүтүмдөрүнөн дамамат оң жыйынтыктарды чыгарып турганда гана бийликтин жана  кыргыз коомунун социалдык, маданий, рухий саламатчылыгы мыкты болмок. Ушул жерден жанагы орус уулу атактуу П.Я.Чаадаевдин төмөнкү сөзүн эске түшүрсөк артыкбаштык кылбайт. «Мен өз  мекенимди көздү жуумп алып, эрдимди бекем кымтып, колумду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин. Мен минтип түшүнөм: адам өз  Ата-Журтуна аны ийнежибине чейин жакшы билип, апачык көрүп турса  гана пайдалуу боло алат. Сокур сүйүүнүн мезгили бүттү деп ойлойм. Эми биз өз мекенибизге акыйкат, чындык менен гана жөлөк-таяк боло алабыз». Чаадаевдин логикасын улап, сөзүмдү төмөнкү ыр саптарым менен аяктайын:

О мекеним, өстүр эркин уулуңду,

Эркин жашап, мен жалбырттап күйөйүн. Урааныңды коркконумдан жаттабай, Жүрөгүмдөн чыккан сөздү сүйлөйүн.

Жалтактабай башымды өйдө көтөрүп, Сыймык менен шаңдуу басып жүрөйүн. Мекен сага сокурларча берилбей, Сүйсөм сени көзүм ачык сүйөйүн!..

Мээримиң төк мендей эрктүү уулуңа,

Назар бургун  мендей сынчыл кулуңа, О мекеним, түбөлүктүү түнөгүм!

Билсең-менмин сенин соккон жүрөгүң!.

Жогорку бийлик өзүнүн эркин ойлонгон, эркин сүйлөгөн жарандарынын бетке айткан чындыктарыны көзүн чоң ачып карап, сынды оң кабыл алып, орун алган илдеттерди дарылап, кемчиликтерди оңдоп-түзөп, сергек жашап турганда гана мамлекеттүүлүк өсүп-өнүгөт, сакталат жана чыңдалат.

XLII.  ТАРЫХЫЙ ЭСТУТУМ, ТЕГИН,  ТАМЫРЫН ТААНУУ

Эстутум, тагыраак айтканда, тарыхый эстутум дегеле жарык дүйнөдө адамды  айбандан айырмалап турган, адамдын адам экенин таанытып турган эн тамга. Эстутумсуз – адам жок, адам коому да жок. Адам өзү социалдык тарыхтын туундусу. Тарых менен тагдырлаш, ата-бабалары менен киндиги туташ экендигин киши эстутум аркылуу тааныйт. Эстутум аркылуу тарыхтын кербен көчүнүн жолунда, муундар аралык өтмө-катыштыктын тутумунда өзүнүн ордун, ким экендигин, милдети кайсы экендигин аңдап билет,  бүгүнкүсүнө жана келечегине баам салат. Эстутум даанасын айтканда, адам баласынын жашоосунун формасы жана өзүн-өзү сактоосунун органы. Эстутум коомдогу уламалуулуктун  ар дайым тынымсыз иштеген жана күн-түн чыңалууда турган  механизми. Манас доорундагы кыргыз социуму тарыхый эстутумдун ушундай түрдөгү улуу маңызын көкүрөк-көөдөнү менен туйбай, даанышман акылы менен аңдабай койбогон. Көчмөндөр цивилизациясында кишинин эстутуму анын адам жана атуул экендигинин критерийи катары каралган. Кишинин жети атасын билгендиги анын жамааттын мүчөсү болууга татыктуулугунун көрсөткүчү болгон. Ал эми жети атасын билбеген пенде кыргызда «Түбүн тааныбаган түпсүз кул» аталып,  башы кара, буту айры макулук катары саналган, шылдыңдоонун жана келекелөөнүн объектисине айланган. «Манас» дастанында бала Манастын социалдашуу процессинде тарыхты таанытуу усулунун биринчилерден болуп кызматка чегилишин мыйзамченемдүү нерсе  катары кабылдайбыз.

Бай Жакып зарлап жүрүп тапкан чүрпөсү Манасты маңдайына отургузуп алып, моминтип саймедиреп турат: «Чоң атаң аты Ногой деп, каратып турду Кашкарды, Кара-Шаарга жеткенче, хан атаң Ногой башкарды, балам, бабаң Ногой тушунда, согушкандар сойлогон, Лоп жакасын жердеген, ойротко намыс бербеген». Андан ары карай «түпкү атабыз Каракан, Каракандан Огузкан» деп узун сабак сөзгө түшөт. Жакып баланын адам болушу түбүн таануудан башталат деген терең ишенимде. Ошондуктан Жакыптын бул сөзү чүрпөсүн алаксытуу үчүн айтылган жан гана жайынча кооз кеп эмес, Манастын кишилик келечегин түптөө үчүн чын дилден күйүп-бышып сүйлөгөн атанын тарбия камкордугу. Азыркы тил менен айтканда, тарыхый эстутумду каймактатуу Жакып ата үчүн бала тарбиясынын биринчи алиппеси. Бала Манас ушинтип адегенде Жакып атасынын «оозеки мектебинен» окуп, анын жети ата жөнүндөгү «алиппеси» менен таанышат.

Баатыр ата-бабаларынын таржымалынын мисалында тарыхый эстутумга тарбияланган Манас: «Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө эл-журт олуя, беттеп адам барбаган», – деп бекеринен сыймыктанып айтып турган жок.

Өсүмдүктү карасак, ал тамырсыз болбойт. Тамыры болгон үчүн ал гүлдөп өсөт. Тамырынан ажыраса өсүмдүк купкуу сөңгөккө айланат, бир заматта соолуп, куурап жок болот. Адамдын да тамыры болот. Анын тамыры – «жети ата». Бала ошол жети ата тамырды таануу аркылуу адам болот. «Жети ата» деген бул жалпыланган кеңири мааниге ээ. «Жети ата» – бул ата-бабалардын, калайык-калктын тарыхы, тили, салты, дили, дини, маданияты.

Т.Сыдыкбековдун «Көк асаба» тарыхый романында эзелки кыргыздардын салтында жаш баланы туулган жердин топурагы менен таткантуу, жалатуу, ал топурактан тумар жасап, мойнуна тагуу ырасмысы болгондугу жазылат.

Кыргыздар мына ушинтип, адам баласынын башаты, башталышы туулган жерде экендигин балага туйгузууну, билгизүүнү анын кенедей кезинен баштаган. Дагы бир жолу айталы, кичинекей кулунчакка, «туякка», тукумга биринчи иретте, башатты, тамырды таанытуу, эстутумду түптөө кыргыздардын таалим-тарбия системасында өзүнчө бир айныгыс мыйзам катары жашаган. «Манаста» «айтып берчи кулунум, ата-бабаң айлыңды, ары түбү дайныңды» деп бекеринен айтылбайт. Кыргыздардын педагогикалык философиясында бала өз бир боор эл-жеринин кыртышынан тамырлап, чынар дарак сыяктуу бүчүрлөп өсүп чыгууга тийиш, башкача айтканда, өз улутунун топурагынан «программаланып» чыгышы керек. Ошондо гана ал өз элинин адамы, азаматы боло алат.

«Манастын» педагогикасы – бул балада тарыхый эстутумду тарбиялоо аркылуу улутту сактоонун педагогикасы. Саны аз калктарды ассимиляциялап жутуп коюуга жөндөмдүү бүгүнкү глобалдашуунун агрессивдүү чабуулдарынын шарттарында «Манастын» бул улуу педагогикалык сабагын, же башкача айтканда, бабалардын бала тарбиялоо даанышмандыгын эске бекем түйүү жана пайдалануу жаш муундарыбызда улуттук иденттүүлүктү, этномаданий аң-сезимди калыптандыруу үчүн аба менен суудай зарыл нерсе.

XLIII. ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫН ДА ЧЫН БОЛОРУ, ЭЛДИН, МЕКЕНДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ АНДАН ЖОГОРУ. КАЛК МҮДӨӨСҮН АРКАЛОО НАРКЫ – ӨМҮРДҮН БАРКЫ

Көрүнөө турат го, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү рынок, соода-сатык системасынын үстөмдүгүнүн шартында эл, мекен, журт кызыкчылыгы деген чоң түшүнүктөр урматталбай, ыйман, уят, абийир аттуу ыйык нерселер тебеленип, материалдык байлыктын культу өсүп,  үлүлчөсүнөн «кабыгынын» ичине кирип кеткен өзүмчүл, индивидуалист жандар көбөйүп, акчага, алтынга, көрдүнүйөгө жүгүнүү күчөөдө. Америкалык илимпоз Кольберг «Турмушка өзүмчүлдүк, пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык, технократиялык мамиле Европа менен Америкада өзүнчө бир улуттук ооруга айлангандыгын» тынчсызданып жазат. Цивилизациянын мындай терс илдеттеринин белгилери биздин Кыргызстанда да пайда болду.

Эгерде жогоруда белгиленгендей,  коколой баштын кызыкчылыгын туу туткан, турмушка пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык мамиле  мындан ары карай күч алып жүрүп отурса, анда адамзат балдары, мунун ичинде кыргыз пендеси да бара, бара ички жандүйнөсү жагынан сөксөөлдөй болуп «куурап,» акыры жүрүп адамдагы адам жоголуп, коомдун рухий маданиятынын түркүгү урап түшүшү мүмкүн.

Ушул контексте алганда, улуу «Манас» эпосунун этикалык философиясы өзүнө көңүл бурдурбай койбойт деп эсептейбиз. Дегеле, биздин чыгышта адам баласынын өмүр кечирүү маңызына  жана жашоо миссиясына карата болгон көз караш өзүнүн терең гуманизми жана жамаатчыл духу менен айырмаланып келген.

«Манас»  эпосунун түп негизинде да ушундай ой жаткандыгын көрөбүз. Манас жарык дүйнөгө төрөлгөндө Алтайдагы кыргыздардын башчысы Акбалта карыя «Бизге белге таңуу уул ушул», «карыганда байбиче, кабылан тапты сүйүнчү, жоголордо байбиче, жолборс тапты сүйүнчү!» деп тебетейин көккө ыргытып кубанат. Жалгыз Жакыптын үй-бүлөсүнө гана эмес, жамы журтка перзент туулду.

«Манас»  эпосунун адеп-ахлак концепциясы киши пендесинин бу жарыкчылыктагы өмүр-жашоосунун маани-маңызы эмнеде деген социалдык-философиялык, моралдык суроо менен тыгыз байланышкан. Ал эми Манастын образынын өзү  кишинин өмүр-жашоосунун маани-маңызы пенденин жеке өзүнөн жогору турган кандайдыр бир бийик, ыйык, улук элдик, гуманистик мүдө-идеяларга кызмат кылышында экендигин каңкуулап турат. Эпостун бул өңдүү философиясы дүйнөлүк акылмандардын төмөнкү ойлору менен өзөктөш чыгып жатат: «человек никогда не найдет всей полноты только в себе самом»   (М.М.Бахтин). «Личности нет, если нет ничего выше её» (Н.Бердяев). Демек, адамдын жашоосунун баабаркы, маани-маңызы, дагы айталы,  пенденин кандайдыр бир универсалдуу,  жогорку (сверхличное), коомдук дөөлөт менен болгон органикалык байланышында экен. Дал ушундай ойлор кыргыз акылмандыгынын: «Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт», «Эл ичи алтын бешик», «Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол», «Жаман киши өз камы үчүн жүгүрөт, жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» деген өңдүү жашоо тажрыйбасынан жаралып, кылымдардын кыйырын баскан  элдик философия менен үндөшөт. Манас баатыр кенедей кезинен дал ушундай көз караш, рух салтында тарбияланган. «Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин, калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» дейт Манас. Ал эми Манастын уулу Семетей Канчоро менен Кыяс капыстан кол салып, өлүм алдында турганда минтип ойлонот: «Котур ташы койнунда, шайтанды баккан экенмин, эми эле башын кошкондо, элдин алы не болот, жарагы жок жаш күлүс, эрдин алы не болот, капарсыз калды эл менен, жердин алы не болот». Семетей өлүп бара жатып да, элинин, жеринин тагдыры жөнүндө толгонуп турат.

Демек, эл-журттун мүдөөсү, калк кызыкчылыгы, мекен алдындагы парз сыяктуу улуу түшүнүктөр менен журулушкан биримдик – Манас менен Семетейдин адамдык-атуулдук жаратылышы,  экөөнүн жашоосунун тузу жана өмүрлөрүнүн маңызы. Өз өмүр-жашоолорун ушундай улуу нарктар менен жуурулуштуруп өмүр кечиргендиктери үчүн Манас менен Семетей жана Бакай, Каныкей, Кошой, Чубак, Сыргак, Чыйырды, Айчүрөк, Гүлчоро, Алмамбет сыяктуу каармандар түбөлүк өлбөс болуп, биздин маңдайыбызда чолпон жылдыздай жаркырап, адептик-патриоттук маяк катары жашап кала беришти.

XLIV.  УЛУУ БААЛУУЛУК, УЮТКУЛУУ НАРК – УЛУТТУН СТРАТЕГИЯЛЫК АКЫЛ-ЭСИ

Капчыгын эмес, калайык-калкын, менчигин эмес, мекенин ойлогон, коктусун эмес, коомун, уруусун эмес, улутун ойлогон, болор болочокко кайгуул салган стратегиялык акыл-эс кыргыздын  сап башындагы уул-кыздарына мүнөздүү болуп келген. Арканды узун таштап, алысты ойлогон, жол баштаган азаматтары, чыгаандары жок эл, туюкка кептелип, карып болуп калышы мүмкүн.

Манас ата алды жакты, келечекти ойлоп, санааркайт, коогалуу жоокердик заманда өзүнүн да, журтунун да эртеңки тагдыры жөнүндө толгонуп, убайым чегет:

Менин көзүм өткөндө Кагылайын калайык

Эл эмине болот дейм?

Тукабадай кулпурган,

Жердеген пенде туйтунган Жер эмине болот дейм? Каз-өрдөгүн чуулаткан, Көл эмине болот дейм?

Тагдырым жетип дүйнөдөн

Ажалым жетип окко учсам,

Кара жаак айбалта

Кайкалатпай ким аштайт, Калып калса бул элди, Капа кылбай ким баштайт?!

Долоно саптуу айбалта

Толгондурбай ким аштайт,

Тоорулуп кетсем дүйнөдөн Аркамда калган бул элди

Тоздурбастан ким баштайт?!

Бул мекендин, эл-журттун кийинки тагдыры жөнүндөгү УЛУУ САНАА. Мынакей, Манастын жарандык-атуулдук, патриоттук-улутмандык акыл ойломунун керемет масштабы. Мынакей, баатырдын ой жүгүртүүсүнүн кенендиги жана тереңдиги. Мынакей, улуттун көйгөйү менен санааркаган улуу мекенчилдик. Калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл-эс. Мынакей, Айкөлдүн инсандык кең кулачтуулугу жана Ата журт тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна көтөргөн рухий асылдыгы!

Улуу адамдардын жарандык – атуулдук өзгөчөлүгү, биринчи иретте, алардын улут масштабында ойлонушкандыгында, журтунун өткөнүнө, бүгүнкүсүнө серп таштап, келечегине кайгуул салып тургандыгында.

Бул жагынан «Алай ханышасы» – Курманжан датка Манас бабасына окшош. 19-кылымда Орто Азияны ак падышанын баскынчылары каптап, элинин башына мүшкүл түшүп турганда Курманжан датка калк тагдыры, журттун эртеңкиси жөнүндө убайым жеп, минтип толгонуп турат: «Арты кандай болор экен – оруска карап берип тынгандын, өлкөбүз жаттын колуна өтсө, элибиздин эртеңки күнү не болот. Жумшаса кулу, минсе малы болуп кала береби? Дини, дили кандай болот?» («Сынган кылыч» романынан) Улут тууралуу санааркаган улуу акыл-эс ушул эмеспи. Ал эми улуттун улуу уулдарынын бири Чыңгыз Айтматов. Чыңгыз Айтматов глобалдашуу доорундагы кыргыз журтунун тагдыры жөнүндө моминтип ой толгоп, санаа чегет: «Биз дүйнөгө дүйнөлүк бийиктиктен улам кароого милдеттүүбүз. Ошол ач шамалдай аркырап келаткан кубулуштарга биз чыдап туруштук бере алабызбы?.. Туруштук деген кармашуу эмес, ал акыл таразалаган атаандаштык, саясат, дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртеңки күнүбүз кандай болот?.. Ким менен, кайсы ой менен бул дүйнөлүк сахнанын океанында бир кайыкта, бир багытта сүзөбүз?.. Биздин дүйнөлүк интеграцияда ордубуз, алган багытыбыз болушу керек… Элибиздин келечегин эч качан дүйнөлүк реалдуулуктан ажыратып карай албайбыз». Глобалдашуунун кыйчалыш кыйын-кезең  заманында Ч.Айтматов мына ушинтип, Ата-Журт тагдыры жөнүндө Манасчасынан, Курманжан даткадай ойлонуп, толгонуп турат. Манас, Курманжан датка, Чыңгыз – улут лидерлери, улуттун Асан Кайгылары. Калктын басар жолуна чалгын салып турган кеменгерлер.

Үчөөнүн калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл-эси жана мекенчил адеп-ахлагы – муундарыбыздын руханий мектеби.

Манас менен Чыңгыз биздин кош тирегибиз! Ала – Тоодон ааламга көрүнүп турган эки «чокубуз» – кылымдарды карыткан кыргыз элинин жараткан бийиктиктери. Эгерде бүгүн биз Ала-Тоонун ар бир жараны Ата Журтубузду Манас атадай сүйсөк, Мекенибизге Курманжан даткадай, Чыңгыз абабыздай күйө билсек, көзүбүздү чоңураак ачып, кенен ойлонуп, бул үч улуу инсаныбыздын акылмандык, жарандык – атуулдук өрнөгүн үлгү тутуп, активдүү патриоттук аң-сезим, масштабдуу ойлом, күжүрмөн иш-аракеттер менен жашай билсек, анда өлкөбүз цивилизация жолунда Аккула тулпардай жана Гүлсары күлүктөй таскак салары шексиз.

 XLV. КЫРГЫЗДЫН ПЛАНЕТАРДЫК ОЙЛОМУ

Чыңгыз Айтматов «Манастын» достук, биримдик идеяларынын эстафетасын улантып, аны андан ары оболотуп бийикке көтөргөндүгү менен көзгө урунат.

Дүйнөлүк акыл-эс  тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отуруп тапкан универсал идеялардын бири – бул жарык дүйнөдөгү бардык нерселердин өз ара чырмалышкан байланышы, өз ара шартташкандыгы жана өз ара бирибирине багынычтуулугу, дүйнөнүн бир дене сыяктуу  бүтүндүгү, бирдиктүүлүгү жөнүндөгү  философия. Биздин «Манасыбыздын» түпкүрүндө да ушундай фундаменталдык идея чөгүп жатат, ал идея эпосто активдүү аракетте турат. Элибизде тээ байыртадан: «Тиричиликтин күчү-бирдикте»,  «Тирилик түбү-бирдик», «Бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. «Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат» – деген ой да ушул даанышмандыктын уландысы.

Кыскасы, Ч.Айтматовдун достук, биримдик туурасындагы идея-дөөлөттөрү «Манастын» дал ушундай даанышман дүйнө таанымынан тамыр алып, өсүп чыккан жана турмуш диалектикасынын жаңы өзгөчөлүктөрүнө, зарылчылыктарына жараша улуу дастандын идеяларын ойчул-художнигибиз жаңы глобалдык масштабга, дүйнөлүк космизм философиясына чейин көтөрүп чыгып, активдүү уланткан.

Жазуучунун макалаларындагы, маектериндеги, диалогдорундагы жалпы жер жүзүндө жаңы шарттарга ылайык бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган бириктешүүнүн мезгили келгендиги жөнүндөгү адамзатка күйүп-бышып айткан сөздөрү, чакырыктары, ойлору, насыйкаттары добулбас кагылгандай жалпы планетага угулган, азыр да угулуп турат.

Өзүнүн пикирлештери менен бирге жазуучунун «биз жаңы доордун жаңы идеяларын, жаңы гуманисттик аңсезимин Батыш менен Чыгышка, дүйнөнүн бардык калайык-калктарына көтөрүп алып бараткан кербенбиз» деп жар салганы дүйнөлүк коомчулуктун акыл-эсинде. Ч. Айтматовдун жаңы идея дегени-эски методдордун жана механизмдердин, көнүмүш догмалардын, саясий-аскердик жарышуунун, конфронтациялардын, майда кыжы-кужунун алкактарынан чыгып, дүйнөлүк жалпы коркунучтардын алдында биригүүнүн, өз ара кол кармашуунун, жаңы планетардык ойломдун негизинде кызматташуунун идеясы болучу, адамзаттын, жердин, космостун тутумдаштыгы жөнүндөгү аалам идеясы болучу. Мына ушундай ишениминен улам Ч.Айтматов 1975-жылы «Союз»,

«Аполлон» кораблдери космостон жалгашканда, «бул окуяны – адамзат духунун кубаттуу күчү бири-бирине талкалоочу эмес, түзүүчү максатка багытталгандыгынын бир жарк эткен көрүнүшү»,– деп Нью-Йорк телевидениесинен сүйлөп, чын жүрөгүнөн кубанган.

Ырасында эле, дүйнөдөгү демографиялык «ташкын», жер ресурстарынын азайып баратышы, экономикалык проблемалардын глобалдашуусу, ядролук согуштун коркунучу, экологиялык кыямат, эл аралык терроризм, экстремизм кесепеттери калктардын, мамлекеттердин планетардык союзун талап кылып жаткандыгын жар салып, дүйнөнү бир бүтүн нерсе катары карай билүүнү, Жер планетасынан башка жер жок экендигин, бүт адамзат бир кайыкта бараткандыгын, улуттук мүдөөлөрдү жалпы адамзаттын максат-кызыкчылыктары менен тогоштура билүүнү Борбордук Азиядан  биринчилерден болуп айтып, үгүттөп чыккан Айтматов болбоду беле. «Көкөтөйдүн ашына» төгөрөктүн төрт бурчунан эл келген сыяктуу, түркүн континеттердин интеллектуалдары жалпы адамзат проблемаларын талкуулоо үчүн Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көл форумуна чогулушу кыргыз уулунун ырасында эле, бүткүл жер жүзү үчүн чын жүрөгүнөн күйгөн планетардык адам экендигин айкындаган. Ошон үчүн чет өлкөлөрдүн интеллектуалдары «Адамзаттын Айтматову», «Планетанын гражданини», «Айтматовдун космоформуласы», «Ааламдын адамы», деген аныктамаларды берип отурат.

Ч.Айтматов жер үстүндө жашаган ар бир инсандын «Улуттук квартирадан» чыгып, планетардык аң-сезимге, планетардык ойломго ээ болушунун зарылдыгын  насыяттап келген. Ч.Айтматовдун «ириде элиңди, өлкөңдү ойлойсуң, анан барып жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың» – деген сөзү да эске түшөт. Ч.Айтматов өзүнүн күн-түн тынбаган интеллектуалдык күч-аракети менен космостук бийиктикке көтөрүлүп, жалпы дүйнө тууралуу тынымсыз акыл калчап турган. «Адам баласынын бирдиктүүлүгү баарысынан өйдө. Мен ушул багытты көздөгөн кишимин»,  – деп түшүндүргөн даанышман жазуучу.

Жазуучу христианство, будда, ислам диндери ар кимиси мен мыктымын дебей, өз ара баарлашуу, түшүнүшүү, сыйлашуу жолу менен конфликттерден өйдө туруп, жалпы адамзатка нур чачып турушу керек деген ишенимде. Айтматов диндердин айырмачылыгынан жогору көтөрүлүп чыгып, аларга космостун бийигинен карап, адамзат бир кайыкта бараткан бүгүнкү күндө диндердин жаңы миссиясын аныктаган. «Сен христиан, мен мусулман, мен буддист» – деп бөлүнүү эң оңой жана эң жөнөкөй жол. Ага акылдын кереги жок. Тарыхты аңтарып карасаңыз, бир дин менен бир дин келишпей нечен-нечен кыргындар чыккан. Келечекти андай жол менен жасаганыбыз туура эмес. Дин нур төгүп турушу керек. Диндин касиети – бириктирүү» – дейт жазуучу. Жазуучунун насыйкаттары боюнча конфронтация эмес, консенсуз, тил табышуу амалы-жанаша жашоонун эрежеси. «Эгер деңизде бир нече адам болуп, алардын ар бири өз устунунун үстүндө сүзүүгө умтулса, анын бардыгы бороон чапкындардан, толкундардан аман чыгышына ишенүү кыйын. Алар чогулуп өз устундарын бириктирип, чырмап бир салга айландыруулары зарыл. Ошондо гана ар кандай толкундардан аман чыгууга мүмкүнчөлүктөрү болот. А эгер ар бири бири-биринин алдындагы устундарды тартып алууга аракеттенсе, анда алардын аманчылыктарына ишенүү кыйын» (Ч.Айтматов). Бул ойлор философ – интернационалист Ч.Айтматовдун дүйнөнү бирдиктүү кабылдоо системасынан чыгып жатат.

Айтылуу Ысык-Көл форуму «устундарды» бириктирүү боюнча Ч. Айтматовдун реалдуу иш-аракеттеринин символу катары жашап калды.

Жыйынтыктап айтканда, Ч.Айтматов Манас менен Алмамбет сыяктуу эле этникалык, улуттук чектерден өйдө көтөрүлүп, даанышмандыктын кең горизонтторуна чабыттап, Манастын интернационализмин, биримдик философиясын планетардык масштабга чейин көкөлөттү. Дегеле, жамааатчылдык,  жалпынын жакшылыгын,  ынтымагын көздөгөн айкөлдүк, а түгүл, жан-жаныбарлардын тагдырына санааркап турган асанкайгычылык – кыргыз рухунун илгертен келе жаткан өзгөчө касиети. Бул касиет Ч.Айтматов аркылуу бул жолу чоң деңгээлден көрүнүп отурат.

НАРКТУУЛУК

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов улуттук нарктарды, элдик руханий-адептик баалуулуктарды үгүттөө, жайылтуу жагынан албан, албан иштерди аткарып, өзүнүн салмактуу, терең тарбиялык мааниге карк акылгөй сөздөрү менен калайык-журтка жагып, ишенимге ээ болуп жаткандыгы белгилүү. Сүйүнбек мырзанын идеолог катары ишмердиги жөнүндө акын, академик Абдылдажан Акматалиев өзүнчө мазмундуу ыр жазган экен. Биз окурмандарга таалим болсун деп, мамкатчыдан уруксат албай эле, ырды өзүбүзчө китепке жайгаштырып койдук. Эмесе, ырды окуйлу:

Нарк-насилдер идеология дубалы – Кыргыз элдин эч табылбас куралы. Жүрөгүнө эн тамгасы басылган – Түбөлүккө жашап өтөр урааны.

Жан дүйнөдө нарк-насилди өстүргүн, – Аң-сезимде акыл-насаат көп түркүн. Атуул болуп келечекти ойлосоң, – Муундан-муунга наркыбызды көчүргүн.

«Идеология керек» дейбиз, издейбиз, Мыйзам менен оош-кыйышты түздөйбүз. А бирок бил, насилибиз күчүндө, –  Байыркыдан колубузду үзбөйбүз.

Нарк-насилде баары турат жазылып, Укук, мыйзам, идеялар чачылып. «Нарк-насилди байыркыдан калган» – деп, Кетебиз биз өтө эле ашынып…

Наркты улоо Мамкатчынын максаты, Багыт берген, туура иши – жакташы.  Күн-түн дебей тынчы кетип ойлонуп, Президенттин тапшырмасын акташы.

Мамкатчыга туура келип иштери, Катар-катар турат жумуш тизмеги.

Мага жагат, чиновниктей чиренбей Жатып албай, жер кыдырып кезгени…

Сүйүн мырза баштап берип нарктарды, Байыркыдан мурас калган жактары. Уламыштан, легендадан айтасың,  Келиштирип, уккулуктуу саптарды.

Пулемёттой сөз жаадырып октобой, Нөшөр сымал төгүлөсүң токтобой. Акылыңан байыркылар жаңырат, Кошой ата, Бакай ата жоктолбой.

Бүгүн керек ар-намыстуу адамдар, Келечекке улут сактар кадамдар. Нарктын туусун көкөлөтүп, көтөрүп, Жаша элим, Сүйүн өңдүү балаң бар!..

Жарлык окуп, коомубузга ашырган, Ынтымакка, биримдикке чакырган. Эртеңкиге бүгүнкүнү калтырбай, Сүйүн, бар бол! Бата арзып, татыган.

Президент өзү баалап сөздөрүн, Улуу элбиз сыйлай турган өздөрүн. «Сүйүн бүгүн не айтат?» – деп чыдамсыз, Жалпы журт кадап турат көздөрүн.

Сүйлө, Сүйүн, булбул сымал сайрагын, Эл акылын талантыңа кайрагын.

Сенде талант жашырынып жаткандай  Кичинеңден алып «Манас» байрагын.

Төкмөчүлүк агып турат акылдан,

Идеяң көп башыңдагы чачыңдан. Талант, балким, жашырынып жаткандай, Төшүң какпай жүргөнүңдүн айынан.

Тарыхтарда нечен душман жеңгенбиз, Каада-салттан өтө терең, кененбиз.

Бабалардын мурастарын улантып, Батыш карай ийилбейбиз дегенбиз… Байкап көрсөм, кээде айран-таң калам, Жүрүм-турум – намыстанам арданам. Заманыбыз куштай учуп баратса,  «Алардыкы чын экен» – деп «алданам».

Улуу аялдар тилик шымды кийишет, Кызуулдуктан кычык сүйлөп тийишет. Анан кантип оңолобуз, айткыла Наркты билбей, ичибизден иришет…

Автобуста орун бербей жаштарың, Телефонго ката салат баштарын.

Кыздар болсо жүзүн нары бурушат, Силкип коюп, боёп койгон каштарын. Калган өңдүү жердин үстү табылбай, Кыналышат автобуста тартынбай. Күнөө кимде?! Айып дагы бизде бар, Жөн коёбуз уяткарбай-батынбай… Батышты сен туурабагын, үзүлгүн, Эстүү болуп, эне адебин күтүнгүн.

Батыш сени адаштырат, айлантат,

Нарк-насил жок, кыргыз болсоң түшүнгүн…

Тарых турат идеология жаңырып,

Кереги не Батыш жакка жамынып, Убакыт жок, уттурабыз көп нерсе, Жол турбайбы нарк-насилге салынып…

Кечикпейли, кечигүүгө шылтоо жок, Жолду башта, Сүйүн мырза, топ-топтоп. Азыр эмне көз көрүнө ууру көп, Нарк-насилди алгычакты ортоктоп. Элибиздин касиети керемет, Апабыз да көрктүү кийип элечек.

Сүйүн мырза сүйүнүп тур, жашырбай,

Таап алып наркыбыздан келечек.

Булак сымал таза, тунук наркыбыз, Мына ошондо биздин Улуу баркыбыз. Карыялар четте туруп калбасын, Убагында сөзүңдү кош, айтыңыз.

Байкап көрсөм, эки жакта күнөөлөр, Муундар кетти байланышпай – сүйөнөөр. Ажырым көп, мезгил алыс баратат, Кимибиз бар наркыбызга күйүнөр. Азыр бизде чечилбеген түйүн бар, Баарыбызга наркты чечер – Сүйүн бар. Нарктын туусун көкөлөтүп, көтөргөн Жаша элим, Сүйүн өңдүү уулуң бар!

Абдылдажан Акматалиев 31-март, 2023-ж.

 

ҮЧҮНЧҮ  БӨЛҮМ

XLVI. КАНДАЙ ЖАШАГАН ЖАКШЫ?

  1. Молдо Багыштын варианты

Айтылуу акын Молдо Багыштын төмөнкү  даанышман саптарын окуйлу:

Тоо суусундай шаркырап, Токтобостон агып өт. Өзгөлөрдү туурабай, Өзүңчө чыйыр салып өт.

Чырак болуп жангының, Тапкын сени издеп жаңыны, Таптабай жолдун даңгырын.

Байкасаңар, бул саптар элдик акындардын терме, санаттарында боло берчү демейки насаат кептердин бири эмес. Бул саптар демейки жорголотуп айтылган, кулакка кооз угулган, баштатан белгилүү ой тизмектеринин катарынан жарк этип бөлүнүп турган, адаттан тыш, акыл-оюңду тереңге жетелеген оригиналдуу ой уютмасы. Пенденин сергек акыл-эсине багышталып турган, керек болсо, бир калыпта, көнүмүш нукта чамындыдай калкып агып бараткан өмүрүңдү селт эттирип ойготуп, акыл-оюңа, жан дүйнөңө бүлүк салып, капыстан жашоо багытыңды өзгөртүп, тагдырыңа бурулуш  жасап койчу укмуштуу саптар. Бул ыр пенденин өмүрүнүн маани-маңызы, адамдын бу жарыкчылыктагы жашоо миссиясы жөнүндөгү Молдо Багыштын рухий, акыл-ой изденүүлөрүнүн философиялык тыянагы катары эстутумуңа чап орноп калчу мүлк. Бул жерде Молдо Багыш кыргыздын акындарынан башкача ырдап отурат.

Эми жогорудагы поэтикалык саптарды бирден талдоого өтөлү. Молдо Багыштын  «Тоо суусундай шаркырап, токтобостон агып өт» деген саптарында айтылган ойго жакшы түшүнүш үчүн бүгүнкү кыргыз профессионал поэзиясынан төмөнкү төрт сапты алдыңарга тартайын:

Сүйбөйсүң деп таарынып сен, күнөөлөйсүң бирөөнү, Жаанбай сен токтоп турчу, мен айтайын жүйөнү.

Жүрөгүңдөн жалын чачып, оттой жаныш ордуна, Быкшып күйбөй түтөп турсаң, бирөө  сени сүйөбү?

Бул төрт саптан көрүнүп турган образ Молдо Багыштын ырындагы инсан философиясына карама-каршы. Молдо Багыштын  ою боюнча адам баласы бу дүйнөгө быкшып күйбөй түтөш үчүн келген эмес. Ал көнүмүш нук менен акырын билинбей жылжып аккан сууга да окшошпош керек. Саздын суусундай бир орунда мелтиребеш керек. Адам деген бир жаралган өмүрүндө  тоо суусундай токтолбостон шаркырап агышы зарыл. Керек болсо, капчыгайда, айлананы жаңыртып күрпүлдөп, көбүк чачып аккан дайрадай ташкындасын. Адаммын десең, эки анжы болуп бүжүрөбөй, коркуп кетенчиктебей шар бол, чечимдериңди шар кабыл ал, кадамдарыңды шар ташта. Тоо суусундай токтолбостон «шаркырап» агып, ачык-айрым шар  жүрүп, адамдардын ажатын ач.  Молдо Багыштын ыр насыйкатынын логикасы ушунда жатпайбы.

Ырдагы баштапкы эки сапка дагы бир жагынан карап көрөлү. Саптардын подтекстинде, жакшылап шыкааласак, дагы бир маани бугуп жатат. Муну маселенин нравалык аспектиси десек болот. Молдо Багыш салыштырууга башка бир нерсени албай, маселен, тоо бүркүтүндөй дебей, эмне үчүн «Тоо суусундай» деп жатат? Акындын идеалында тоо суусу таза, тунук, мөлкашка. Мөлтүр булактардан куралган тоо суусу табияттын керемети, тазалыктын символу. Таштаган шар кадамдарың, шар кабыл алган чечимдериң, шар жүрүм-турумуң, адеп-ахлагың тоо суусундай шар гана болбой, ошол тоонун мөлтүр суусунун өзүндөй таза, аруу болгондо гана, сенин активдүү күрпүлдөгөн күжүрмөн, «шар аккан» жашооңдун моралдык маңызы болот. Байкасак ушул ой ары көмүскөдөн ишараланып жатат. Поэтикалык  текстин оңой менен көзгө көрүнбөгөн купуя сырларын туя билгенибиз оң.

Кыскасын айтканда, ырдын башындагы эки сап сергек окурманды өзү жөнүндө, өзүнүн буга чейинки жашоо образы жөнүндө ойлонтпой, толгонтпой койбойт. Мен туура жашап келдимби? Мен киммин? Быкшып күйбөй түтөгөн бүрөөмүнбү? Же жаман жерде жылжып аккан кир суумунбу?  Молдо Багыш сени ушундай нукта ойлонууга, капысынан көзүңдү чоң ачып, өзүңө-өзүң сын көз менен кароого түртөт. Ал эми алдыңкы эки саптан кийинки «өзгөлөрдү туурабай, өзүңчө чыйыр салып өт» деген саптар адамды ого бетер дүрбөлөңгө салат.

Бул эки сапты мен көчмөндүк-патриархалдык чөйрөдөгү өзүнчө бир революциалык духтагы саптар дээр элем. Көчмөндүк-патриархалдык чөйрөдө адамдар көбүнчө «ушундай болуш керек», «ушундай болууга тийиш» деген күн мурунтан орногон., жалпы кабылданган көнүмүш нормаларга ориентация жасайт. Ал эми Молдо Багыш болсо, ырында өзгөлөрдү туураба, өз алдыңча бол, кайталангыс бол, өзүңдүн жеке чыйырыңды, өзгөчөлүү жолуңду тап деп жатат. Бул, тереңирээк карасак, өзүн-өзү аңдап түшүнүүгө, өз күч-кубатын баалай билүүгө, өзүнүн башкаларга окшошпогон чыйырын салууга, көнүмүштүн артынан ээрчиген жетеленме, көптүн бирөө болбоого, жарк этип өзүнчө из салып өтүүгө ташталган чакырык эмеспи. Бул «козголоңчул» духтагы саптар Молдо Багыштын көчмөндүк-партиархалдык чөйрөдөн жогору көтөрүлүп чыккан даанышман экенин айгинелеп турат. Молдо Багыш өз улутташтарынын архаикалык дүйнө кабылдоонун алкагынан чыгуусун, кыргыз коомунда аң-сезим бурулушунун болушун эңсеген. Адамдардын көнгөн адаттар, көөнө түшүнүктөр менен жашай бербей, колу-бутту байлаган «тушамыштарды үзүп», өзүнүн жаңы чыйырын табышын тилеген тура.

«Өзгөлөрдү туурабай, өзүңчө чайыр салып өт» – деген акындын саптары – бул ошо кезде келечекке ташталган чакырык болгон. Ошон үчүн Молдо Багыш ырынын аягында «Тапкын сен издеп жаңыны, таптабай жолдун даңгырын» – деп инсанга өзгөчө милдет жүктөп, өзүнүн көнүмүштөн тыш чакырык идеясына дагы бир жолу басым жасап жатат. Мурда чабылган даяр жолдун даңгырын таптоо эрдик эмес, эрдик жаңыны издеп табууда дейт Молдо Багыштын логикасы.

Чынында эле, көпчүлүк адамдар мурдагы эски, көнүмүш жолдун даңгырын таптай берүүгө көнүп алышат. Кечээ да, бүгүн да бул адат уланып келет. Ошон үчүн турмуш алга жылбай, тосмодо токтоп калган суудай кирдеп, стагнация боло берет. Качан гана адамдар жаңыны издеп тапканда, ошондо гана коом турмушунун «ташы өйдө кулай» баштайт. Жаңыны издеп табуунун, жаңы чыйыр салуунун мааниси – коомдун прогрессине кызмат кылгандыгында. Молдо Багыштын философиясы бизди дал ушуга алып келип такайт.

Мобуга көңүл буралы. Өйдөдө акын «Чырак болуп жангының» – деп айтпайбы. «Чырак» деген сөздө да бул жерде чоң маани катылган. Чырак деген айланасына жарык чачкандыгы үчүн чырак да. Чырак бул жерде үлгү, өрнөк, маяк маанисинде берилген. Ошол сенин өзгөлөрдү туурабай өзүңчө салган чыйырың жаңыча жолуң өзүңө гана кызмат кылган өзүмчүл жол болбосун. Ал жолдо сен башкаларга нуруңду төккөн, жарыгыңды чачкан, балбылдап жанган чырак болушуң керек. Чырак болгондо да моралдык чырак болушуң шарт. Сенин өзүнчө салган чыйырың көнүмүш жолдун даңгырын таптагандар үчүн сабак болуп, аларды ойготуп, жаңыланууга, өзгөрүүгө үндөп, маңдайында чырактай күйүп, өз турмуштарында бурулуштарды, жаңылыктарды жасоого шыктандырып тургандыгы менен баалуу болмок.

Жыйынтыктап айтканда, Молдо Багыштын бул жети сап ырында адам болуп жашоонун өзүнчө бир программасы берилген десек болот. Пенде адам деген атты кандай болгондо актайт? Көнүмүштүн кучагындагы көптүн бирөө болбой, тоо суусундай шаркырап алдыга умтулса гана, тоо суусундай адеп-ахлагы таза болсо гана, өзгөлөрдүн баскан изин туурабай, даяр жолдун даңгырын таптабай, өз чыйырын сала билсе гана, башкаларга жаңыны издеп табууга, жаңыланууга дем берип турса гана, адам бу жарык дүйнөгө келген миссиясын аткарып, адам деген атын актай алат. Ушундай тагдыр күтүүгө ар бир пенденин умтулушу абзел. Молдо Багыштын поэзия аркылуу бизге ыроологон осуяты ушундай.  Молдо Багыштын талдоого алынган ырында, терең үңүлсөк, өзүн-өзү өзгөртүүнүн багыты берилиптир.

Чындап ойлонгон адамга өз тагдырын өзгөртүп, жаңы кадамдарды жасоого шыктандырган жана ошондой эле, канткенде адам уулу адам болорун, жаран болорун туюндурган даанышмандык, тоолордон, тоо суусунан өзүн бөлүп карабаган, тоо суусун нравалык-поэтикалык символика катары тутунган тоолук акындын колориттүү фигурасын көрүп суктанасың.

Жаңылан, өзүңдү өзүң өзгөрт, жаңыны издеп тап, кедей адам, бай  адам, күтүүсүз кадам деген сыяктуу акыл-насыятты биз чет өлкөлүктөрдөн издейбиз, алардын китептерин инновация, үлгү катары кыргызчага которобуз. Ал эми өзүбүздүн коломтобузда турган кайталангыс оригиналдуу идеяларды байкабайбыз. Чет өлкөлүктөрдүн китептеринде акча жасоо жагы көп айтылат. Ал эми нравалык жактан жаңылануу жөнүндө кеп болбойт. Ал эми Молдо Багыштын даанышман ырында болсо, жаңы чыйырды салуу, жаңыны издеп табуу тоо суусундай таза моралдык-этикалык, адептик-ыймандык – жаңылануу менен коштолгондо гана мааниге ээ болот. Молдо Багыштын бул философиялык осуятын бүгүнкү биздин ар бир жараныбыз, ар бир депутат, ар бир саясий партия көңүлдүн борборунда кармоого тийиш.

  1. Өз тагдырын өзү жасоо

Тоо булбулу Токтогул адеп-ахлах маселесине көп көңүл бургандыгы менен айырмаланат. Акын чыгармаларынын бүткүл мазмуну менен жалкоо, шалаакы, айдама, жетеленме болбоону, («Эркиң менен жумуш кыл, эринчээк, жалкоо дедирбей»), турмушта жигердүү, активдүү эпчил («Жакшы азамат түрдөнүп, жалбырттаган жалындай, өзүн-өзү асырайт, эр жигиттин белгиси, эпчил болот термелеп, «от жаккан казан сыяктуу, оргуп, оргуп кайнагын»… Андан көрө эгин бак, алың барда жулунуп»), өз бетинче болуп, өз бак-таалайын өзү курууну, өз тагдырына өзү кожоюн болууну, оорчулуктарга тизе бүгүп чөгөлөбөөнү («Эр жигиттин белгиси – кайраттуу болот жалындап») насыяттайт. Тагдырдын аяздуу бурганак-бороондорунун катаал сыноосунан өтүп такшалган Токтогулдун мындай идеяларды үгүттөшү табигый нерсе го.

Бирөөлөргө көз каранды болбо, өзгөлөрдүн оокатына көз артпа, башканын тапкан-ташыганына орто жолдон чыгып, ортоктош болом дебе, бекер табылган оокаттын берекеси жок болот, «сурап ичкен тамагың, суу ичкен менен барабар» – дейт Токтогул. Андан көрө, «курсакты сылап тынч жатпай», «Тартынбай жашыңдан мээнет кылсаң», «тишиң барда таш чайнап, түрүнүп иштесең», «жаш кезиңден жаркылдап, эмгегиңден талбасаң» «ырыскы өзү эле келет курулуп», корооңо мал толот, орооңо дан толот, «порумдалып үйүң жасалат». Бир гана кыйындыктан коркуп, артка кетенчиктебей, жалакайланбай, максат артынан өжөрлөнө кууп («Түн экен деп эр жигит, максатыңдан жазганба», «Эр жигиттин белгиси – эч нерседен жазганбайт», «Азамат эрдин жүрүшү, аргымак аттай арыштайт»), барга-жокко чыдап, бирде жөө жүрүп, бирде төө минип («бирде дүйнө бар болот, бирде дүйнө жок болот»), жакшылыкты көздөп умтулуп жүрүп отуруу кажет («Жакшылыкка бет алган, узарат жаштын кадамы») деп, байлыкка, бакытка жетүүнүн жолун көрсөтөт, бизге даанышман акын.

Мына ушундай күн-түн тынбаган мээнеттин жолу менен ийгиликке жеткен, жардымын деп жатып албай, бактысын өз колу менен курган адам – Токтогулдун эмгектик, нравалык идеалы. Анын өзүнүн адептик, эмгектик, идеалына туура келген турмуштук өрнөктү өз учурунда катардагы карапайым тегирменчи Жанаалынын мисалынан көргөн. Ал Жанаалынын өрнөгүн минтип, даңктаган: «Жадабай ишке берилген, жаш күнүңдөн балбансың, жасалгалуу мүлкүңдү, жагдайлуу жерге салгансың, картайганча кажынып, кайрат менен мал таптың, таман акы, маңдай тер, таалайың бар, жан бактың». Ушуну менен катар айта турган сөз, жогоруда айтылгандай, Токтогул эмгек жагынан гана эмес, дегеле турмушта инсандын өз тагдырын өзү чечүү, чечкиндүүлүгүн жактайт. Мындай көз караш өз мезгилинде прогрессивдүү көз караш болгон. Кайындалган картаң күйөөдөн баш тартып, качып кетип, чечкиндүүлүк кылган Саратандын кызын  («Саратандын кызы качкандагы ыр») Токтогул «Акылы жетик кыз экен», «өз теңи менен жыргасын», – деп жогору баалаган. Ал эми Саратандын кызындай чечкиндүү боло албаган, көкүрөгү кирилдеген чалга аял болууга макул болуп, кайран жанын кор кылган жаш келинге карата Токтогул өкүнүч менен минтип ырдайт:

«Же бизде боштон азат жер жокпу? Боорукер кыргыз эл жокпу?

Болбостон ээрчип кеткендей, Сага бир боз бала жигит эр жокпу?»

(«Эселбай» ырынан).

Өз башына өзү ээ болуу, эрктүү болуу, алмадай баштын азаттыгы идеясы Токтогул үчүн кымбат мүлк. Инсандын өз бактысынын субъектиси болуусу идеясын жактаган Токтогулдун бул философиялык моралы акындын өз заманында элеттик кыргыз чөйрөсүнөн кыйла эле өйдө көтөрүлүп чыгууга үлгүргөндүгүн күбөлөп  турат. Акындын көз карашы боюнча, бакытка жетүүнүн жолу мээнеткечтикте, максат артынан кууган өжөрлүктө гана эмес, ошону менен бирге жалгандыкка берилбей, калп айтпай чынчыл болууда, ак, адал иштөөдө, кыянатчылык иш кылбай, «бекерчиден безе качып, ушакчыдан көчө качып», ар качан уят менен абийирди, ар намысты туу тутууда болуп саналат. («Азамат болсоң ак иштеп, аздыркөптүр малың бак». «Ак пейилдүү азамат, адамга кылбайт кыянат, бойго жеткен кызга окшоп, болумсуз иштен уялат», «Уурулукка малынбай, ушак сөзгө чалынбай, уятын ойлойт ар убак»). Демек, Токтогулдун адеп-ахлах этикасы боюнча мүдөөгө, бакытка жетүүнүн жолу – таза, адал жол, уят-абийирдин жолу болуш керек экен. А бүгүнкү биздин турмушта арам жол мененби, элдин мүлкүнө кол салыпбы, пара алыпбы, уурдапбы, бирөөлөрдүн колдоосу мененби, айтор, иши кылып ийгиликке, пайдага жетсем, акчалуу болсом болду деген көз караш журтубуздун ичин улам көбүрөөк каптап бара жатат. Мындай жол акыры жүрүп коомубузду адеп-ахлак жактан туюкка алып келип кептелтиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө биздин ар бирибизге акын атабыздын адеп-ахлак көлүнөн суу ичип, анын жогорудагыдай нравалык эрежелерин өзөгүбүзгө сиңирип, моралдык багытыбызды Токтогулдук духта жаңылап кайра куруу зарыл болуп турат.

  1. АДАМ БОЛУУНУН ОЛУЯ КАЛЫГУЛ АЙТКАН ЖОЛУ

Калыгул Бай уулу учурунда болочок болор заманды болжоп, алдын ала айткан көрөгөч касиетинен улам эл ичинде «олуя Калыгул», «акылман Калаке» аталган жана атак-даңкы канатташ түрк калктарынын арасына чейин тараган.

Бүгүнкү Түркстан аймагындагы табият жана рух экологиясынын чоо-жайына тигилип караганда, аргасыздан акылман Калыгулдун болочок заманга кайгуул салып, алдын ала айткан олуя божомолу эске түшөт. Калыгул көрөгөчтүн айтып турганы бул:

Калк кысылар,

Заманың бузулар,

Тоо токол болор,

От чыкпай жериң такыр болор, Ошол заман жакын болор.

Карыядан каада кетер,

Уулдан урмат кетер,

Келиниңден келбет кетер,

Кыздан кылык кетер, Атанын тилин уул албас,

Аганын тилин ини албас.

Эмнеси болсо да, илгерки Калыгулдун келечекти жоруп айткан сөзү көп жагынан бүгүн чынга чыгып отурат. Түркстандын жаратылышын, экологиясын эле алалычы. Талааң такыр болбой, тооң токол болбой эмне болду. Өзүбүздүн аймактан чыгып, тетигиндеги Арал деңизинин тагдырына эле көз чаптырып көрөлүчү. Эмне деген тозок, эмне деген трагедия?

Ал эми аймагыбыздагы рух экологиясы, адамдардын адеп-ахлак саламаттыгы кандай болду экен? Тышыбыз бузулса да, ичибиз аман-эсен болгой эле. Тилекке каршы, ички экологиябыз дагы жетишерлик булгангандыгын моюнга албаска чара жок. Албетте, калайык-калкыбыз адеп-ыймандан түгөл кол жууп, үйүн шайтанга толук ээлетип ийди дегенден алыспыз. Түптүү элибиздин рух казынасында түптүү адеп-ахлак нарктары түгөнүп, соолуп калган жок. Көрөңгөбүз жоголгон жок, бар. Бирок ошондой болсо да, ичибизде пайда болгон рухий бөксөрүүнү эч убакта тана албайбыз.

Жакшылап үңүлүп карап көрсөк, Калыгул улуу моралист болгон. Ал кытайдын Конфуцийи сыяктуу эле жамааттагы, коомдогу туруктулукту, бекемдикти, бейкутчулукту мал-мүлк, дүнүйө-оокат, байлык эмес, мораль, наркы бийик аруу адеп-ахлак сактайт деп эсептеген. Ал заманда мындай ишенимге бир жагынан негиздер болгон. Кандайча? Төмөнкү жагдайга көңүл буралы. 1855-жылы Жети-Өгүздө туулган Талып Молдо Кыргызстан Россиянын курамына кире элек кездеги ак калпак журттун адеп-ахлак ал жайын мындайча мүнөздөгөн: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбегени. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат (Талып Молдо. Кордолгон заманда. «Ала Тоо», 11,127-бет.).

Талып Молдо сүрөттөгөн ушул нраваларды көз алдыга элестеткенде, япондук режиссер Акира Куросаванын «Өткөн тарыхты карап арылаган сайын адамдар ошончолук ири, нравалуу, алар бизден жакшыраак» деп айтканы эске түшөт. Ырасында эле, бүгүнкү цивилизациянын кунары, берекеси кеткен моралына караганда, көрүнүп тургандай, илгерки чоң энелерибиз менен чоң аталарыбыздын  адепахлагы кандай салмактуу жана нарктуу болгон. Дүйнөнүн бир катар атактуу ойчулдары табият менен биримдикте жашаган ушу кыргыздыкындай илгерки коомду адамзаттын кайрылгыс болуп өтүп кеткен «алтын кылымы» деп да аташып, ал кездеги рух-ыймандын татыналыгына суктанышып, кээде «Алтын кылымды карай артка!» – деп ураан ташташканын да эске түшүрөлү.

Ырас, ашыкча кеткен да болбос, каранын ичинде ак бар, актын ичинде кара бар дегендей, анткен менен Талып Молдо баян кылган тарыхый доордун да өз бөксөлүктөрү болгон. Бирок, анткен менен моралдык кризиске тушуккан капиталисттик коомдун коммерциялашкан нраваларына караганда, Талып Молдо айтып отурган кечөөкү көчмөн жамааттын рух-ыйман, адеп жагынан омоктуулугу көрүнүп эле турбайбы. Бекеринен бүгүнкү акын төмөндөгүдөй деп күйүп-бышып жазып жатпаса керек: Айтчы мага ачык сырың прогресс, Калыс болсун экөөбүзгө акыл-эс. Синтетика деген сенин дүнүйөң, Артык неси ак коюмдун жүнүнөн?

Неси жакшы сенин цемент тамыңдын, Күн жыттанган кыргыздын боз үйүнөн? Кулак жарган музыкаңдан тажадым, Айланайын комузумдун үнүнөн.

Миң эсе артык белдердеги бетегем, Шаардагы жасалма өскөн гүлүңөн.

Айлансынчы, акылды алган арагың,

Бабам ичкен ак боз бээнин сүтүнөн. Жерге-сууга зыян кылбай жашагам, Акыл сурап табияттын өзүнөн.

Неге кеттим киргил аккан дайрага, Журт которуп ак булактын көзүнөн? Карайлычы кечөөкү өткөн бабама, Өмүр өткөн ак боз үйлүү айылда.

Азга сабыр, барга топук кылган да, Майдаланбай күн кечирген жай гана. Кези келсе үйүн, биртке оокатын, Кете берген ат-төөсүнө артына. Ден соолугун, ак жоолугун байлык деп, Жашай билген жетип өмүр баркына.

Атаң көрү бу опосуз дүйнө деп, Кызыкпаган акча менен алтынга.

Кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, Бекем турган адамчылык шартына. Ажал келсе кете берген акырын, Ыр, дастанын таштап сүйгөн калкына.

Мындай жашоо өзүнчө бир жол тура.

Терең маңыз, бай мааниге толтура. Мына көргүн: көчмөн философия!

Ала-Тоону аралап өткөн Улуу Жибек жолу менен жүрүп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына барган кербендер, саякатчылар, соодагерлер аркылуу кыргыздын узун кулак адамдары дүйнөнүн ыраак-жакын аймактарында өтүп жаткан окуялардан, коомдук-саясий, социалдыкэкономикалык процесстерден анча-мынча, учкай, үстүрт болсо да кабардар болуп турган. Калыгул чечен жашаган тарыхый мезгилде кыргыз-казак ичинен Орусияга каттаган адамдардын саны акырындап арбый баштаган. Бир сөз менен айтканда, алыскы-жакынкы христиандык аймактардагы экономикалык-маданий, техникалык прогрестин жетишкендиктеринин айрым оң жана сол жактары, ал тараптагы  нравалардын абалы жөнүндөгү кабарлар жалпысынан айың кеп, аңыз сөз, көргөн билгендердин жомоктоп айтканы катары Түркстан чөлкөмүнө, анын ичинде кыргыз жергесине да үсүл-кесил болуп жетип турбай койгон эмес. Бекеринен Калыгул төмөнкүдөй деп ырдаган эместир:

Калайыкты бийлеген,

Аял чыгат деп уктум, Албан түрлүү ушундай, Заман чыгат деп уктум.

Кийин чыккан адамы

Илим билген амалдуу,

Аяр чыгат деп уктум

От араба, дилгирем,

Жол кыскарат деп уктум, Этек-жеңи чолоюп,

Тон кыскарат деп уктум.

Калыгул өзүнүн бөтөнчө жөндөмдүүлүгү, зиректиги менен өз чөйрөсүнөн өйдө көтөрүлүп чыккан, «өз үйү, өлөң төшөгүндөгү» жана алыскы-жакынкы жерлердеги жакшы-жаман нерселерди салыштырып, ой чуркатып, замандын багытына, келер келечек тарапка кайгуул салып турган өзүнчө бир акылман көрөгөч, саясатчы-идеолог болгон. Ал ошол Ала-Тоо ичинде жатып алып, укканбилгендерин өзүнчө акыл талкуусуна  салып, ой жүгүртүп отуруп, өзүнүн гениалдуу интуициясы менен алыскы чоочун аймактарда илгерилеп кетип бараткан христиан цивилизациясынын терс жактарын баамдай алган. Өзү маселдетип ырга салгандай, «тегиз жерден тегирмен жүргүзгөн, жыгачтан ат минген» өнөрү (арабаны айтып жатат), «темирден кылган жатуучу тактасы, алма, өрүк, жер-жемиш бакчасы» болуп, «илим билген амалдуу» болсо да, Калыгул, ошол Орто Азия тарапка обдулуп турган чоочун коомдун адеп-ахлагындагы «тууган тууганга кас болгон, биринин тилин бири албаган, аганын тилин ини албаган, улуунун тилин кичи албаган, атанын сөзүнө бала кулак салбаган» жорук-жосунун тескери баалап, мындай көрүнүштөрдү «куу замандын», «шум замандын» белгиси деп эсептеген. Ал «куу замандын» адеп-ахлагындагы ушул өңдүү кунарсыз, бейадеп көрүнүштөргө салыштырмалуу карап, ойлонуп көрүп, андай шум коомдун «түрлүү-түрлүү алаамат жоругунан» көрө, кыргыз жамаатынын баласы атасын сыйлаган, уулу урматтуу, кызы адептүү, келини келбеттүү, кемпири сөөлөттүү, карыясы каадалуу, бирибирине күйүмдүү жоомарт, уюган ак жуураттай адебинин артык экенин көрөгөчтүк менен туюнган. Калыгул ак калпакчандар менен ак элечекчендердин мына ушундай адеп-ахлагын тыштан келчү чоочун жат таасирлерден коргогусу, канатынын алдына калкалагысы келгендей. Ал ата-бабалардын моралынын күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталгандыгын ичинен терең туюнбай койгон эмес. Ойлоп көрөлүчү, Ала-Тоолук журттун жанагындай илгертен келаткан ата-энени урматтоо адеби, меймандостук салты, өйдөкү Талып Молдо жазып көрсөтүп отурган адамдык асыл касиеттери, анан жанакы Ата-Журтту коргоодогу кайраттуу жигери, улутун сактаган мекенчилдиги кандайча түбөлүктүү мүлк болбой койсун. Калыгул кыргызды кыргыз кылып турган, ак калпак улутту улут кылып турган дал ушул өйдөкүдөй уюткулуу  адеп-ахлак асылнарктары экендигин түшүнгөн. Эгерде «түрлүү-түрлүү алаамат жоругу бар» куу заман тегеренип жүрүп отуруп, Алатоону да баса турган болсо, кыргыз баласы ата-бабалардан бери келаткан жанагындай кундуу адеп-ахлагынан ажырай турган болсо, анда кыргыз кыргыз болбостугун, куттуу жергеге «уулу атасын билбей, атасы баласын билбей, апасы баласын билбей, кызы апасын билбей», «ыгы жокко жан берип, ыйманынан жат болгон», «этеги жок, жеңи жок чапан чыккан», «жер такыр болгон, тоо токол болгон» опосуз заман келмек деп, Калыгул келечекке болжол кылган. Мындай футурологиянын, акындын болочок болор заманга дүрбү салып, алдын ала болжол кылганы акыры жүрүп отуруп, көп жагынан чын чыккандыгын сөзүбүздүн баш жагында табият экологиясында жана руханий-нравалык тармактагы кыямат көрүнүштөрдүн мисалында көрсөтүп өткөнүбүздү эске түшүрөлү. Мындай моралдык кризис Калыгул урматтаган жана насыяттаган уят-абийир салттарын ыйык тутпай калгандыктан жана топуктуулукту унутуп, материалдык байлыкты культ кылып, анын артынан акактап жүгүргөндүктөн улам келип чыккандыгын баамдабай коюуга болбос.

Илгери улуу сынчы Белинскийдин «Ооба, уста болобуз, слесарь болобуз, фабрикант болобуз, а бирок өзүбүз адам бойдон калар бекенбиз?» – деп тынчсызданып айткан сөзү бар. Калыгул да кишинин билимдүүлүк, чарбакерлик өнөрүнөн, «тегиз жерге тегирмен жүргүзгөн» айлакерлигинен мурда да, биринчи иретте, анын адамдык касиетинин, адамдык нарк-насилинин, ыйман-адебинин маанилүүлүгүнө көңүл бурган. Дагы бир жолу айталы, ал коомду мораль сактайт деп ишенген. Моралдан ажыраган чакта, урматы кетип, уул уул болбой калганда, уяты кетип, ата ата болбой калганда, сөөлөтү кетип, кемпир кемпир болбой калганда, кымбаты кетип, кыз кыз болбой калганда, салт салт болбой калганда, жамаатта «акыр заман» келип чыгат деп түшүнгөн. Коом бүлүнүп бузулбаш үчүн эң биринчи иретте, калайык-журттун кылымдарды карытып жашап келе жаткан түптүү адеп-ахлак эрежесалттары катуу сакталышы керек. Калыгулдун бүтүндөй санат-насыяттарынын логикасынан объективдүү түрдө агып чыккан этикалык-философиялык тыянак ушундай.

Чыңгыз Айтматовдун «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасында Сабыр акын: «Канткенде адам уулу адам болот?» деген чоң суроону алдыга коюп, ушул талаш суроонун эзелтен бери карай чечилбей келе жатканына кабатыр болуп, башын катырат. Бу маселе боюнча учурунда Калыгул да акыл тегеретип, олуттуу ойлонгон экен. Даанышман кеңеш кылат: Адам боло турган адам биринчи иретте, бала кезинен жамандан адашып, («Жаман менен дос болбо, жаман менен дос болсо, акыры келип доо болоор, айыл конбо анткорго, жолдош болбо айгакка, мүдүрүлтөт тайгакка»), жакшыга жанашып, анын таалимин алып («Жакшы менен дос болсоң, өлгөнчөктү сыйлашат, уста менен дос болсоң, нар кескенин аларсың, акылы бар боз бала, акылдууга дос бала, жакшы менен жанашсаң, жакшылыкты табасың»), элдик адеп-ахлактын мыкты өрнөктөрүн үйрөнүп, нуска сөзгө, насыят-накыл кепке кулак төшөшү керек. («Жакшы азамат белгиси, азыраак сүйлөп көп тыңшайт», «Акыл-макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тиер, билген адам ошону байым кылар, көкүрөккө ойлонуп дайын кылар»). Боз бала ушундай жол менен акырындап жүрүп отуруп адам болот.

Жакшы адеп жол-жоболорун үйрөнүүдөн башка да, киши болуп жетилиш үчүн эң негизги нерсе, эмгекчилдик сапатка эгедер болуш шарт. Акындын ишениминде эмгекчилдик – адеп-ахлактуулуктун өзөктүү көрсөткүчү. Калыгул, азамат мойнун жок кесет, жокчулук, жакырчылык басынтат, кор кылат, ошондуктан бардар турмушка умтулуш керек, андай турмушка ак эмгегиң, мээнетиң менен гана жетесиң, кичинекейиңден түйшүкчүл болуп, өз бактыңды, өз тагдырыңды өзүң жасоого тийишсиң деген ой-идеяны билгизет. («Дүнүйөнүн барысы, эмгек кылсаң табылат, абийириңиз жабылат, акылы бар жаш балдар, как ошого камынат»). Эмгек бардыгына падыша. Ал сени акыры жүрүп, алтын аяктан суу ичирет.

Калыгулдун ою боюнча, өзүнүн инсан катары калыптанышында, өз бактысын өзү табууда адамдын өзүнүн жекече активдүүлүгүнө чоң роль таандык. («Бактылууну карасаң, муз үстүнө от жагат» «Көңүл кылсаң ар ишке, көктөгүнү аласың»).

Дегеле бу дүйнөгө бир берилген өмүрдү татыктуу өткөрүү, мазмундуу пайдалануу үчүн ар кимибиз философ болушубуз керек окшойт. Өмүр-жашоого философиялык мамиле зарыл. Жанагы «Канткенде адам уулу адам болот» деген соболго Калыгул дагы мындай деп жооп берет:

Жакшы чыккан азамат

Элин билет,

Элин билген ал адам

Билим билет,

Окуп, карап, ойлонуп, Илим билет. Эчен түрдүү адамдын Тилин билет.

Чыгып турган ал адам

Чынар болот,

Чымчык сайрап, чынарга

Булбул конот,

Түбү жоон тамгалуу

Терек болот,

Көлөкөсү көп жанга Керек болот. Андай адам табылбай Кайда болот.

Ошол чыкса дүйнөгө

Пайда болот,

Тийип турган асманда

Күндөй болот,

Макулуктун баарына Бирдей болот.

Ошол адам ойлосоң

Кимден чыгат,

Ушул турган калайык Элден чыгат.

Калыгул бул маселинде желдей желип, кербен сыяктуу өтүп кете турган өмүрдү эмнеге пайдаланыш керек экендигин жана адам болуп жашоонун мазмуну кандай болууга тийиштигин ачык-айкын көрсөтүп өткөн. Бул саптардан эл ичинен чыгып, демек элдик рухту бойго сиңирип, айлана-тегерекке чынар теректей көлөкө болуп, илим-билим, калыс адеп-ахлак менен адамдарга күндөй чачырап тийип, жакшылык кылып жашаганда жеке өмүрдүн маңыз-мазмуну ого бетер тереңдейт жана кеңейет деген идея тартууланып отурат. Калыгулдун логикасы боюнча адам жеке көртирлигинин алкагы менен гана чектелбестен, өзүмчүл болбостон («Жеке тамчы сел болбойт, жалгыз аттан чаң чыкпайт»), баарынан мурда өз эл-журтунун атуулу, коомдун активдүү жараны катары жашашы керек  («Тар жерде тайгак кечүүдө, эрендердин күчү артык, көңүлү тынар көпчүлүк, көзгө толор эр чыкса»). Өздүк кызыкчылыктарын өзгөнүн кызыкчылыктары, жеке таламдарын жамааттын мүдөөсү, талапмуктаждыктары менен жуурулуштуруп күн кечиргенде, инсанды толук кандуу адам болуп, маңыздуу өмүр сүрдү деп санашка болот. Эч кимге пайдасы жок, элден обочолонуп жашаган пенденин  эл ичинде баа баркы болбойт.

Калыгул минтип санаттайт:

Тууру кутсуз шумкардан, Кайырдуу болгон күнүндө,

Турумтай аттуу куш артык.

Калыгулдун этикасында майда маселе жок. Айта кете турган нерсе, акын өз ара мамилелерде кылдат болуп, башкалардын таламдарын дайыма эске алып, камкор, күйүмдүү, кайрымдуу болуп, саламды жана карым-катышты үзбөй, адамкерчиликтүү иш менен айланадагылардын көңүлүн гүл кылып турууну адат кылуу мыкты кишилик касиет экенин эсибизге салат. Антпегенде, «Аскар, аскар, аскар тоо, аягы барып чап болоорун, атадан алтоо болсо да, катташпаса жат болоорун» эскертет.

XLVII. ЭЛДИК НАРКТУУЛУК ЖАМААТТАГЫ ТЕРС ИЛДЕТТЕРГЕ КАРШЫ

Жер үстүндө кайсы гана коомдо болбосун, жарык менен көлөкөнүн, оң менен солдун, жамандык менен жакшылыктын күрөшү, карама-каршылыктардын кармашы жүрүп турат. Мындай процесс мораль жаатына да мүнөздүү. Социалдык турмуш миң кырлуу да, миң сырлуу да эмеспи. Кыргыз коомунда да адептик, рухий-ыймандык асыл нарктарга ар кандай нравалык илдеттердин жармаша, жанаша жүргөндүгүн көрөсүң. Андай илдеттерди элдик моралдык аң-сезим жана нарктуулуктун салты эч убакта кабыл алган эмес жана андай терс көрүнүштөргө каршы активдүү күрөш жүргүзүлүп келген. Адеп жаатындагы илдеттерди жектеп, айыптап ырдап, эл ичинде аларга каршы активдүү иммунитетти жаратуу жагынан айрыкча, улуу акындар айырмаланышкан.

Тоголок Молдо өз заманында дал ушундай жамааттагы моралдык ыраатсыздыкка, коомдо өз ара мамилелерде орун алган адилетсиздикке, зордукка, калыссыздыкка, жалганчылыкка, алдамчылыкка, бир сөз менен айтканда моралдык жамандыктарга (моральное зло), алардын жакшылыкка үстөмдүк кылып турганына кайгырып жаны кейиген. Жашоо-турмушту илгертен коштоп келе жаткан моралдык илдеттерден адам баласы качан арылат деп дайыма санааркап ойго чөмүлгөн жана өз тушундагы коомдун нраваларын жакшыртууга, кишилердин жүрүмтурумун, кыял-жоругун оңоого салым кошууга аракет кылып, өз чөйрөсүндө орун алган адеп кемчиликтерин, терс жосундарды катуу айыптап, сынга алган. Маселен, «Эшек менен булбул» тамсилин окуганда Эшектин сынагына түшкөн булбулдун тагдырынын трагизмин, булбулду сыноо боюнча калыстар тобунун башчысы болуп шайланган эшектин жоругунун комизмин айрыкча даана сезесиң. Аталган тамсил бүгүнкү күндөгү турмушубузда да орун алган «Эшек менен булбулдун кырдаалдары», аргымактарды сыноо мелдешине тааныштык менен ташбаканы төрага кылган өңдүү толгон-токой жана башка окшош терс жосундар менен ассоциация жаратып, аларга карата бизде адептик-ыймандык антипатияны жаратып тургандыгы менен баалуу.

Тоголок Молдо чыгармаларында ошондой эле ушакчылык, уурулук, калпычылык, алдамчылык, мактанчаактык, пайдакечтик, карамүртөздүк, зулумдук, сараңдык, арамзалык, саткынчылык, жатып ичерлик ж.б.у.с. (Караңыз: маселен, «Эркектердин мүнөзү», «Манаптардын залимдиги», «Адам мүнөзү», «Жанбакты», «Бөрү менен түлкү» чыгармалары ж.б.) көптөгөн нравалык терс көрүнүштөрдү айыптап, мындай терс адамдык сапаттардын жамааттагы инсандар аралык мамилелерди астыртан иритип, «ууландырып», коомдун адеп-ахлак саламатчылыгын жабырлантып, зыян алып келерин («Эл арасын ушактап, бузуп жүрөт ушакчы, арасын бузуп адамдын, акылы жок наадандын адамга тиет кесири» «Эркектердин мүнөзү» поэмасынан) кайра, кайра айтып жана мындай жаманатты илдеттерден алыс болууга ар кимди  үндөп келген.

Этикада өздүк ар-намыс сезими, инсандын жекече кадыр-барк сезими (чувства собственного достоинства личности) деген түшүнүк бар. Этик-философтор бу дүйнөгө келген ар бир адам баалуу, кайталангыс, уникалдуу, сен ошол баалуулугуңду сезишиң керек, адам деген бийик атыңа татыктуу болуп, өзүңдү-өзүң сыйлап, адамдык беделиңди төмөн түшүрбөй, жекече ар намысыңды бийик кармап жашашың керек дешет.

Акын үйүндө оокат кылбай, куурай башын сындырбай, айылдан айыл кыдырып колоктоп басып жүргөн, айткан сөз кулагына кирбеген, үйүндө аялы, балдары ачка отурса, өзү көрүнгөн үйдөн тамак аңдып, түтүн чыккан жерге жолбун иттей жетип барган, катын-калачка шылдың болгондон уялбаган арсыз, намыссыз киши жөнүндө жипкирүү менен жазган («Ашы бышкан жер болсо, түрүлгөн калың эл болсо, түтүнү чыккан жер болсо, кыдырып жүрөт айылдап, тамак үчүн думана, эл жатканча убара, арсыздыгын койбогон, ал мүнөзүн жойбогон, катынына кайры жок, баласына пайда жок, мындай акмак кайда бар» – («Эркектердин мүнөзү» поэмасынан). Мындай намыссыз адамды Тоголок Молдо: «Тим басып тирүү жүрсө да, тирүүлөй өлүк», – деп атаган. Акын жарандарды эл алдында уятка калбай, арсыз, нарксыз, жетесиз аталбай, ар дайым жеке ар-намыстын байрагын бийик көтөрүп жүрүүгө, жакшы иштер, мыкты жүрүм-турум менен аброй күтүп жашоого чакырган. Ал «Эр Эшим» чыгармасында өзүнүн жекече адамдык беделин да, ар-намысын да жерге түшүрбөгөн, эл-жердин да намысын коргогон тарыхый инсан Эшим баатырды даңазалап, бизге өрнөк катары көрсөтүп кеткен.

Ошондой эле Жеңижок гуманисттик маңызга толгон жүрүм-турум этикасын, этикетин жайылткан. Маселен, ал «абийири бар жигиттин, айыбын чукуп кызартпа, элинен безип жүргөндүн эски дартын ырбатпа», адамдын көңүлү гүл, орой мамиле, сөз менен бири-бириңердин жүрөгүңөрдү жаралабагыла, дөөлөттү көппөй көтөрө бил деген сыяктуу насааттарды айтып, адамдарды өз ара мамилелерде кылдат, аяр, сылык, сергек болууга чакырып турган. Жеңижок жалгыз атын көтөрүм кылып минип жүдөтүп өксүткөн адамды, дөөлөт келгенде мурдун көтөрүп, асманды карап эсиргендерди, «жалгыз уйлуу кедейдин музоосун тартып алган» кара мүртөз ташбоорду, «журтту жыландай жалмаган» эсирген бай балдарынын жоругун, «адамды байгеге сайып» көпкөн түркөйлөрдү убагында катуу сынга алган. Акындын мындай ачуу моралдык сыны бүгүн да маанисин жоготкон жок.

Арстанбек акын өз ара мамилелердеги оройлукту, жетим козуну жоготтуң деп жетим баланы  урган катаалдыкты, сүттү төгүп алдың деп жесир аялды сыздатып сөккөн акмакчылыкты, сөздүн ыгын билбей сөөдүрөп сүйлөгөндү, аркырап беттен алган ажаандыкты, азаматтын баркын билбес наадандыкты, жакшылыкты көрө албас ичи тардыкты, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына корсулдап, аларды жакшылап бакпай, бекерчи болуп, түтүн чыккан үйдөн тамак аңдып басып жүргөн намыссыздыкты, күнү уктап, түнүндө ууру кылган уятсыздыкты, табакка түп калтырбай баардыгын шыпырып жеген сугалак жетесиздикти, эмгектен качкан эринчээктикти, өзүн-өзү мактаган көйрөңдүктү, жолдошун жолго таштаган жосунсуздукту өзүнүн жектей тургандыгын  «Терме» ырында ачык жарыялаган. Ал бул өңдүү жаман сапаттардан жана каадасыздыктан алыс болууга замандаштарын үндөгөн жана мындай терс, жагымсыз илдеттер адам деген ардактуу атка көлөкө түшүргөн, жамаатты ичинен ирите турган көрүнүштөр деп түшүнгөн жана мындай жосундарга күйүп-бышып дайыма каршы ырдаган.

Арстанбек ошол эле «Терме» ырында мындай терс илдеттерге карама-каршы келген сапаттарды, каада-касиеттерди – кечиримдүүлүктү («жамандыкты кечирүү – айкөлдүктүн белгиси»), «адамдын көөнүн оорутпай, аста-секин сүйлөгөн асылдыкты», «туура сөздөн качпаган калыстыкты», «башкага элин сатпаган, журт намысын сактаган көсөмдүктү», «карыны көрсө ызааттаган», «эне-атасын барктаган» ыймандуулукту, «эбин таап сөз айткан» эстүүлүктү», «айткан сөзүнөн жанбаган ар-намыстуулукту», «чакырмайынча үйгө кирбеген, чагым сөздү билбеген адептүүлүктү» көкөлөтө даңазалаган. Мунун өзү Арстанбектин инсан катары ички уят-абийири сергек, жан дүйнөсү кылдат, адеп-ахлак маданияты жогору болгондугун күбөлөп турат. Ал чынында эле чындык сөздү тайманбай түз айткан («сайрап турган Арстанбек, сүйлөбөсмүн тегинди»), каада, салтты, наркты, этикетти бекем сактап, өзгөлөргө өрнөктүү жүрүм-туруму менен да таалим көрсөткөн адам болуптур.

Бүгүнкү күндө да коомдогу терс моралдык илдеттерге каршы Тоголок Молдо, Жеңижок, Арстанбек аталарыбыз сыяктуу активдүү күрөшүүгө тийишпис.

ТӨРТҮНЧҮ  БӨЛҮМ

XLVIII. КЫРГЫЗ ЭТНОПЕДАГОГИКАСЫ

(Айрым өлбөс-өчпөс өрнөктөр)

«МАНАСТАГЫ» БАЛАНЫ ЭРКИН ТАРБИЯЛОО

ДААНЫШМАНДЫГЫ

Бала Манастын өзгөчөлүгү

Манастын бала катары өзгөчөлүгү – бул анын ашкере тентектиги. Анын адаттан тыш тентектиги эпосто мындай сүрөттөлөт:

Сегизге жашы келгенде, Күйүп турган чок болду. Мүлдө кыргыз ичинде,

Мындай тентек жок болду.

Манас өтө пассионардуу, көнүмүш алкакка сыйбаган бала. Бекеринен ал эпосто «күйүп турган чок болду» деп мүнөздөлүп жаткан жок. Чындыгында эле, Манас сырткы билек күчүнүн ашып-ташып тургандыгы менен гана эмес, ички жан болумушу жагынан да өрт болуп күйүп тургандыгы менен айырмаланат. Кандайдыр бир түшүнүксүз албуут күч ичинде удургуп, жан дүйнөсү негедир бороончапкынды эңсеп, түпкүрдөн булкунган туюк импульстар жанына тынчтык бербей баланы алдастатып жаткан жок деп кантип айта алабыз. Булчуңдарындагы табият берген тубаса күч-кубаты «көбүрүп-жабырып» ээликтирсе, экинчи жагынан ичинен удургуган күчтүү пассионардык энергия чабалактатып, бала Манас көп учурда өзүнө-өзү ээ боло албай, «күр-шар» этип жарга урунуп, кайра артка окторулган жапайы толкунга окшойт. Терең карай келсек, Манастын баш бербеген тентектиги анын эссиздигинен же эркелигинен, же болбосо кандайдыр бир «криминалдык психикасынан» эмес, тескерисинче, кан тамырларында шакардай кайнаган, жан түпкүрүнөн тышты карай удургуп, октос берген албуут энергиядан улам токтоно албаган ички күчүнөн болуп жаткандыгын байкайбыз. Бала Манас мунусун өзү да билбейт. Ичтеги «буркулдап кайнаган» күчтү, буулугуп-булкунган азоо кубатты, «күйүп турган чокту» «жүгөндөөгө» алы келбей, «бөрү кулак, жолборс төш» жаш бала көп учурда патриархалдык-көчмөндүк чөйрөнүн чийип койгон чийиндеринен чыгып («Мазарды көрсө кыйыптыр, дубана көрсө уруптур»), илгертен салтка айланган нормалардын жана эрежелердин нугунда жашаганга көнгөн катардагы көрпенделердин ушак-айыңынын предметине айланып кетип жатат («Бай Жакыптын бул уулу, бир балакет кылат деп, калайык ушак кылыптыр») .

Ушундай жагдайда Манастын тарбиячыларынын алдында чоң түйшүк келип чыккандыгын түшүнүү кыйын эмес. Бирок, Манастын тарбиячыларынын ичинде бейбаш чыккан алп балага сүйүнүч менен караган бир адам бар.

Ал – Акбалта.

Акбалта душмандардын карасанатайлыгынан эл-жеринен ажырап, бири Алтайга, бири каңгайга куулуп, туш-тушка чачырап кеткен бир боор калкынын күйүтүн ойлогондо, ичкени ирим, жегени желим болуп ичинен кан өтүп, кыргыз кайрадан жыйналып, Ата конушуна ээ болор, боштондукка жетер күн бар бекен дегенде ак эткенден так этип, бул үмүт-тилек күндүзү оюнан, түндөсү түшүнөн кетпей, азаптуу атуулдук арман менен жашаган адам. (Акбалта сөзү бул экен: «Кечээ кылчайганды кырганда, чамгарагын талкалап, кара калмак киргенде, каяшаяк бергендин, куйкасын бөлө тилгенде, мына ошондо өлгөнбүз, бул душмандын кордугун, так эки миң жолу көргөнбүз, артыңа колуң байланып, бери карай айдалып, чыккан күнү өлгөнбүз, өлгөн эмей эмне, өңгүрөп өксөп жүргөнбүз»). Акбалта Ата журтунан ажырап, чоочун бирөөлөргө күнкөр, кул болуп калууну ушинтип өлүмгө тете иш катары санап, кайгыда жүрөт. Мына ушундай шартта Жакыптын үй-бүлөсүндө алп мүнөздүү, пил мүчөлүү, «көрүнгөндү жуткудай, ажыдаар болсо туткудай» бөлөкчө түрү бар баланын төрөлүшүнөн Акбалта өзүнүн көрөгөч туюму менен кыргыз эли үчүн кандайдыр бир бөтөнчө жакшылык жышаандын келгендигинин белгисин сезип, жайытта жүргөн Жакыпка чаап жетип: «карыганда байбиче, кабылан тапты сүйүнчү! Жоголоордо байбиче жолборс тапты  сүйүнчү!», деп барбалаңдап, терисине батпайт. Ушул бала аман-эсен чоңойсо агарып таңыбыз атабы, жаркырап күнүбүз чыгабы деген үмүтү  тутанып, Акбалта «киндик кесип, кир жууган, жерди табат экенбиз, паана берип жараткан, элди табат экенбиз» деп чечекейи чеч болот. Ушундан улам Акбалта мындай «ажыдаар болсо туткудай» баланы алды жакта күтүп турган калайыккалктын боштондугунун улуу мүдөөсүнүн, күрөшүнүн урматы үчүн «билбегенин билгизип, туйбаганын туйгузуп», астыртан асырап-сактап тарбиялоо жөнүндөгү чечимге бекийт. Акбалтанын бала Манаска оптимизм менен карап тургандыгынын бир орчундуу мотиви ушундай.

  1. АКЫЛМАН АКБАЛТА АЛТАЙДА «КАБЫЛАНДЫ» КАНДАЙЧА ТАПТАГАН?

Акбалта деген ким? Алтайдагы кыргыздардын руханий лидери, бай Жакыптын үй-бүлө досу. Акбалтанын эпосто кандайча мүнөздөлгөнүнө көңүл буралы: «Абакең Балта ак жолтой, сүйлөгөнү жарыя, калың кыргыз ичинде, кадыры бийик карыя, билбегенди билгизген, билимдүү экен Акбалта, туйбаганды туйгузган туйгун экен Акбалта». Манас жанына кыргыздын кырк баласын жыйнап алып, калмак-кытай, манжуунун 80 баласына уруш салып, төбөлөрүн каңдап, аларды аёосуз токмоктоп, тополоңун тоз кылып, айылын карай кууп, ээ-жаа бербей калайман салганда Жакыптын чыдамы түгөнүп, ачуусу чегинен чыгат. Манасты кармап алып, буурадай зиркилдеп, тилинен заар чачып, «бу тентектигиңди койбосоң, түбүмө жетесиң» деп, буркан-шаркан түшөт. А түгүл күйүтүнө чыдабай туталанып, кадимкидей ыйлап («кайгыланып бай Жакып, үйүнө барып ыйлады»): «Бу балаңды тый, катын», – деп байбичесине каарданып опурулат. Тентектигине териси тырышып, баласына ар качан «капаланып түктүйүп, каарын төгүп үксүйүп» турган Жакыптан айырмаланып, Акбалта Манаска жаркын маанай менен карайт.

Маселен, ал баланы «кабылан» деп атап отурат. Бул ал үчүн жөнөкөй гана көркөм эпитет эмес. Бала Манас Акбалта үчүн чынында эле адамдын кабыланы. Ал эми кабыланга күчүк кезинен тумшугуна кемээч салып, төрт бутуна чынжыр байлап, темир торго камап  баккан мамиле жарашабы?  Кабылан эркин болгондо гана кабылан болуп өсүп, өзүнүн атын актай алат. Акбалта Манасты тарбиялоо процессинде балага түшүнө билүүнүн жогорку өрнөгүн көрсөтөт. Баланын ченемсиз тентектигинин, «чоң жиндилигинин» анын тышкы дагы ички дагы Теңир тартуулаган кабыландыкындай, арстандыкындай ашыпташкан укмуштуу күчүнөн чыгып жаткандыгын терең туюнуп, Манастын жүрүм-турумуна эсепчил Жакыптын тартипти талап кылган бухгалтериясынын турнабайы аркылуу кароого болбостугун айкын-ачык сезип турат. Акылман карыя Манасты өзүнө-өзүн таандык кылып, жайына койгондо гана, анын ички кудурет-таланты тоскоолдуксуз гүлдөй жайнап ачыларына жана кулунчакты улам жазалап, улам тизгинин кага берүү бала арстандын жан дүйнөсүн туттуктуруп, мизин кайтарып, кызарып ысып турган болот темирди муздак сууга малгандай шаабайын суутуп, ийрин жандырып, кайра чыр, чыргоо тентекке айланышына алып келерине өзүнүн сергек педагогикалык интуициясы аркылуу көзү жетип турат. Ошондуктан Акбалта «Бул тентек Манас баланы, кыргыз бүткөн чогулуп, эркелетип көрөлү» деп Жакыпка кайрылып, жаш Манас кандай болсо, дал ошондой кабыл алып, аны эркин өстүрүү идеясын жактырып отурат. Жактырып гана жөн болбой, бул  ойду жүзөгө ашырууда активдүү позицияны ээлеп, баланы жазалап жабыркатып, жинкинин кууратуудан коргоп, «эркек бала шок болсун, мал багар уул болгончо, бар болгончо жок болсун», деп Жакыпка насыятын айтып, уулунун тентектигине сабырдуу кароого, өсүп бараткан чүрпөнү өксүтө турган катаалдыкка баруудан сак болууга чакырып, «туягынын» келечегине кең акыл менен кароого үндөйт. Кээде Жакыпты «жылкың менен жерге кир, балам малды чачаар деп, азыр болдуң макулук» деп тилдеп,  Манастын шер бала экендигине, эселек эсен болсо, элине өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк болоруна ишендирип, ачуулуу атаны жоошутуп, кайраттандырып, ойлондуруп («Малга ишенген оңобу, малың бала болобу? Абайлап Жакып кебимди ук, аталаш кыргыз эл кайда? Бизге белге таңуу уул ушул, Жакып, сенин чачылганың жыйналат, үзүлгөнүң уланат. Байкасаң бизге шер келди, ойлоп көрсөң сен Жакып, бизге бир жакшылык тиер күн келди. Ок өтпөс тон кийгизип, ок жетпес ат мингизип, Манасты жоого сактап багалы»), жаш «туйгундун» эркин «чабыттап», жетилиши үчүн элеп-желеп болуп мээнет кылат. «Маңдайда баргек тынарым, балбылдап күйгөн чырагым!», деп Акбалта Манасты өз баласынан артык көрөт. Патриот карыя үчүн Манас – кыргыз элинин үмүтү. Манас – калк азаттыгына бир келген кайталангыс мүмкүнчүлүк. Бул үмүттү өчүрүүгө, бул мүмкүнчүлүктү өткөрүп жиберүүгө түк акыбыз жок деген терең ишенимде. Калкынын мекенинен ажырап, кулчулукта калышын өлүмгө тете иш катары санап келген Акбалта («Артыңа колуң байланып, бери карай айдалып, чыккан күнү өлгөнбүз, өлгөн эмей эмне, өңгүрөп өксөп жүргөнбүз») Манастын өмүрүн элдин мындан аркы өмүрү катары эсептеп, «ушул Манас бала үчүн, ажал жетсе өлөлү», деп тобокелге салып, жаш «кабылан» үчүн – боштондуктун үмүтү үчүн тикесинен тик турат.

Акбалта балага карата өзүнүн тарбиячы катары мамилесин Манасты алдыда турган элдик боштондук күрөшкө даярдоо максатынан чыгып аныктайт. Акбалтанын кармаган тарбия туткасы – бул Манасты эркин тарбиялоо философиясы. Экинчи жагынан Акбалта мындай тарбия оңутун алууда бала Манастын өзүнүн сейрек кездешкен кайталангыс жекече өзгөчөлүгүнөн чыкпай койбогон.

Ошол кырдаалда өз элинин теңчилигин, азаттыгын талашып, калмак-кытайдын каардуу, кубаттуу империясы менен «азуулашууга» бир жагынан караңгыда көз тапкан гениалдуу, экинчи жагынан эч нерседен тайманбаган, «ажыдаар  болсо туткудай, айбаты катуу, заары күч», кара башын тобокелге салган, өлөр-тирилерине карабай, түз качырып кол салган какжал шер гана жарай алат эле. Ошондой эрди Акбалта «күйүп турган чок болуп, мүлдө кыргыз ичинде, кара кытай, манжууда мындай тентек жок болуп» чыккан бай Жакыптын «Чоң жиндисинен» көрүп турат. (12-жаштагы Манастын калмактын Канжарколун жана кыргызды кыйратам деп келген Кочку баатырын тайманбай талкалагандыгын эске түшүрөлү).  Ошондуктан Акбалта Манастын эркин өсүп кандан-бектен кайра тартпас, жалтанбас баатыр болуп чоңоюшуна өзгөчө куштар.

Акбалта бала Манастын тулкусундагы азоо күч-кубат бара, бара акыл менен айкалышарына ишенет. Анын «бул тентек бала оңолот» деп Жакыпка айтканы бекеринен эмес. Маселен, Манас  сегиз жашында «кыргыз» деп ураан чакырып, өздөрү келип катылган кара кытай, манжуунун 80 баласына өйдөкүчылап ылаачындай тийип, кол салат. («Ушинтип Манас бакырып, кыргыздап ураан чакырып»). Каргадайынан «кыргыз» деп ураан чакырып чыгып жатканынан эле, анын улуулардын тарых жагдайынан берген таалиминин маани жайын чапчаң кабылдагандыгы, бала болсо да өзүн өз элинин мүчөсү катары аңдоого үлгүргөндүгү, демек, тентек Манас дээринде чоң зээнге, ажайып акыл жөндөмүнө ээ экендиги, бара бара өзүн-өзү эстүүлүктүн нугунда жөнгө салууга жөндөмдүү экендиги айкындалып турат. Тарбиячы Акбалта Манастын жаратылышы, акылы башкача түзүлгөндүгүн таанып, анын балалык өзгөчөлүгүн чын жүрөгүнөн урматтап, Жакыптын уулунун тентектигине даанышмандык бийиктиктен кечиримдүүлүк менен, мурутунан жылмаюу  менен карады. Акбалта аксакал Манасты тарбиялоо процессинде балага түшүнө билүүнүн жогорку өрнөгүн көрсөтөт.

Энесинен ажайып төрөлгөн баланын жалындаган табиятын зордобой, балалыгын кордобой эркин өстүрүүнүн камын күн-түндөп көрдү. Акбалта тарбиячыны тааныш үчүн ыр саптардын ары тереңинде жаткан подтексттердин ишарасын сезе билүү кажет. Акбалтанын мындай гуманисттик акылман педагогикасы терең урматтоого жана өрнөк алууга татыктуу.

  1. Чыйырды эне «кара ала барчындын» канатын кантип жетилткен?

Чыйырды эне менен Акбалта карыя өздөрүнүн жан түзүлүшү жана баш түзүлүшү жагынан башкача адамдар.

Акбалтанын күч-аракетин, ой-пикирин демилгесин, алысты чапчыган акыл-эсин Чыйырды эне коштойт жана колдойт.

Эпосто бала, тукум, «туяк» деген нерсе эл-жер, мекен, журт алдындагы парз деген чоң түшүнүктөр менен жуурулуштурулуп каралат. «Манас» дастанынын гана эмес, изилдей келсек, дегеле кыргыз элинин инсан концепциясы кыргыз акылмандыгынын «Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт», «Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос», «Элден безген эр эмес», «Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген өңдүү жашоо тажрыйбасынан жаралып, кылымдардын кыйырын баскан философиясынан агып чыгат. Көчмөндүк жамааттын чордонунда туулуп-өскөн, аны менен каны-жаны бир Чыйырды да, терең байкасак, кенедей кезинен дал ушундай көз караш, рух салтында тарбияланган. Чыйырды эне баласы Манаска мына ушундай өзүнүн канына кичинесинен сиңип калган рух көз караш дөөлөтүнүн жетегинде карайт. Анын баласына мээримин төгүп: «Сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым, эрик үчүн, эл үчүн, ылаачындай талбагын, көк жал Манас сени мен, күрөш үчүн атадым» деп отурганы бекер жерден чыгып жаткан жок. Ушул жерден улуу педагог А.С.Макаренконун «эгерде алдыда көздөлгөн максатты ачык-айкын түшүнүп туюнуу болбосо, анда эч кандай тарбия ишмердиги мүмкүн эмес» деген ою эске келет. Чыйырды эне өзүнүн колундагы чүрпөсүн тарбиялоонун максатын ачык-айкын түшүнөт («Көк жал Манас сени мен, күрөш үчүн атадым»). Чыйырды эненин тарбиячылык мүдөөсү – уулун калк үчүн, эл үчүн өстүрүү. Бул патриоттук тарбия максаты кыргыз эли туш болгон азыркы кыйын кырдаалдан улам өтө курчуган. Кытай, калмактын кызылдай кыйноосун өз көзү менен көрүп, башынан өткөрүп ичинен эрдин кесе тиштеп турган Чыйырды, ар кай жерде андаалап калган кыргыздын кайрадан тирилип баш кошуу, көз карандылыктан кутулуу муктаждыгын, кулчулуктун курутуучу шартында бир тууган калкынын жоголуп кетүү коркунучун Акбалта сыяктуу эле абыдан курч сезип, кылдат туюп, бирок эрктүүлүккө, боштондукка кантип жетиштин амалын таппай, тымызын ичинен сыздап, туюктан жылчык издеп турган патриот, кеменгер аялдардын бири эле. Ошондой жагдайда капысынан боюна бүтүп, эркек бала төрөгөндө, перзентинин эмчегин кан чыгара соргонунан эле Чыйырды өзүнүн энелик жүрөгү менен абышкасы экөөнүн бактысы үчүн да, калкынын жакшылыгы үчүн да бир шер келгенин туюп, үмүтү дүрт этип жанып («баласын алып болукшуп, байбичеси толукшуп, олтурган экен сүйүнүп»), кучактап отурган кулунун айбалтаны ашташ үчүн, азган журтту башташ үчүн торолтуу, чоңойтуу жөнүндөгү улуу максатты ичинен көңүлүнө түйүнчүктөй түйгөн. Чыйырды алп баласынын бөлөкчөлүгүн, өзүнчөлүгүн көрүп турат. Кичинесинен боз үйдүн ичине туурга отургузулуп, томого кийгизилип багылган, тапталган бүркүттүн балапаны чыныгы бүркүт боло алабы? Томого ар дайым тоскоолдук кылып, кендирди кесип турар. Баласы Манас Чыйырды үчүн – бүркүт. Эне кулунун: «Калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым!» – деп эркелетип жатпайбы. Манас – кара ала барчынды, бүркүттү эркин коё берүү керек. Чыйырдынын кызыл чок болуп күйүп турган өрт баланын жаратылышына жараштыра тапкан тарбия амалы ушундай. Бул жагынан Чыйырды Акбалта менен пикирлеш, максатташ, тилектеш. Ошон үчүн Чыйырды Акбалта менен бирдикте Манасты ар дайым ар кандай өчүрүп-өксүтүүчү, кемирип кесүүчү тартип чараларынан, тарбия «томоголорунан» коргоп, канаттуунун кагуусунан, тумшуктуунун чокушунан, туяктуунун тебишинен сактап, «Кара ала барчындын» эркиндигине кымбат мүлк катары карап турат. Ал Манастын тентектиги түпкүлүгүндө «телибайдын тентектиги» эмес экендигин, ичтеги жанар тоодой күчтүн булкунуп, баланы чайпалтып, нугунан чыгарып жаткандыгын жакшы туюнат. Ал Жакыпчылап уулунун тентектигинен трагедия жасабайт. «Бул балаңды тый катын» дегенине моюн толгоп, кайра Жакыпка: «Уулум тентек чыкты деп, абышкам, мынча муңайба, кайгырбагын малыңа, кайрат бергин балаңа, аман болсо Манасың, атамдан калган мурас деп, Кең-Кол, Талас жер табат, айланып кыргыз эл табат», – деп жубайлык акылкеңешин айтып, «кара ала барчындын» канатын кайыруунун ордуна, кайра ага кайрат берүүгө чалын шыктандыруунун аракетин кылат. «Тентек уулу Манасы, тегеле көзүнө жаман көрүнүп» турган атасын болочокту көрө билүүгө чакырат. Кээде Жакып уулуң «кайнатмак болду шорумду, чечтирмек болду тонумду», деп жер тепкилеп бейжайланганда, Чыйырды: «Оорсуп калган экенсиң, сен эми өлгөндө көргөн баланды», деп абышкасына булкулдап («бөдөнөдөй кайран көз, бөлөк-бөлөк жаш кетти, карагаттай кайран көз, камчы бою жаш кетти»), тентек Манасты көз жашы менен да коргоп чыгат. Чыйырды эне Бектур Исаков жазгандай: «Баланы суу жүрөк, коркок, жалтак кылып, жүрөгүн түшүрүп, мээсин чагып өстүрүүдөн, момун жоош кылып тарбиялоодон» аябай чочуп турат. Анын акылман натурасы мындай «педагогикага» түп-тамырынан жат. Ал Акбалта сыяктуу эле эл-жерин душмандардан коргой турган «эркек бала шок болсун, мал багар уул болгончо, бар болгончо жок болсун» деген ишенимде.

Анткени менен акылдуу эне баланын ою менен болуп, баш көзсүз ээн-жайкын коюунун өзү, бир жагынан аны акыры «башы жок бака, көзү жок көгөн» кылып, тентектиктин бара, бара терс жүрүм-турумга өсүп чыгышына алып келүү мүмкүндүгүн ичинен ойлоп, санаа чекпей койгон жок. Эненин кээде «уулуң тентек чыгыптыр, эми эмне айла кылабыз?! – деп тынчсызданганы бекеринен эмес. Бирок Чыйырды Акбалта карыя өңдүү эле ажайып төрөлгөн баласынын адаттан тыш зээндүүлүгүнө, дээриндеги оргуштаган акыл-эс көрөңгөсүнө ичинен эсеп кылат жана акырындап элдик эрежелердин жолунда Манастын өзүн-өзү жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө үмүт этет. Бул үчүн баланы ээн жайкын эле коюп, ошо менен эле чектелбей, ага акыл-эстүү нукта багыт берүүнүн керекчилигин да байбиче сезип турат. Бирок Чыйырдынын педагогикалык акылмандуулугу ушунда, ал ошол адамдын адам болушуна көмөк бере турган тарбиялык багыттардын күчтөп таңууланбай кургак сөз түрүндө, же болбосо тышкы катуу талап кейпинде тартууланбай, суу билинбей тамырга сиңип, чөптү өстүргөн сыяктуу балага табигый жетишинин артыкчылыгын көкүрөк-көөдөнү менен туюп турат. Маселен, Чыйырды уулун кагып-силкип маңдайына күчтөп отургузуп, мына мобуну ук деп буюрбай эле, оокат-тиричилигин кылып атып эле, тентегине бир кезде кыргыз ичинде Манас деген бала төрөлөт деген төлгөчүлөрдүн божомолуна ишенип, кытайлардын кыргыз аялдарынын ичин жарып, жатындан кызыл эт балдарды алып, тышка ыргытышкандыгын божурап кеп салып берет. Бул коркунучтуу аңгеме акылы туткак, сезимтал баланын аң-сезимине жана жан дүйнөсүнө катуу таасир берип, Манаста аёо дегенди билбеген таш жүрөк мыкаачылыкка карата антипатияны өзүнөн өзү эле жаратып таштайт. Он эки жашар Манастын «күрдөөлдүү башым барында, күлүгүм кантип берейин, күчөгөн экен бул калмак, мен бир күрпүлдөшүп көрөйүн» деген чечимге келип жатышын мына ушундай зордукчул жол менен эмес, астыртан тартууланган таалим-тарбиянын түшүмү десек болот. Чыйырдынын тарбиясынын күчү – анын эң оболу Манастын акыл-эсин, намысын ойготуп, уятын козгоп, аларга дем, шык берүү аркылуу тентекти тетик кылууга эсептелгендигинде. Энеси дайыма баласын көтөрмөлөп «кайраты ашкан жолборссуң, кайнап турган бозосуң» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, кайрат берип, ага психологиялык жагымдуу маанай тартуулап турат. Чыйырды үчүн уулу Манастын бирөөлөрдүн тыштан түрткүлөөсү менен жүрүптурганы эмес, өз эс-акылы менен өзүн-өзү тескеп, өзүн-өзү адам кылууга далалаттанганы кымбат сыяктуу. Манастын апасынын мына ушундай тарбиячылык өзгөчө касиетин байкап, эл мугалими Бектур Исаков ал жөнүндө төмөндөгүдөй деп туура жазган: «Кыргыз педагогикасынын кан жолун баштоочу каарман – Чыйырды. Чыйырды – улутубуздун өз кыртышында жаралган, элдик педагогиканын туусун көкөлөтө көтөргөн инсан. Ошол эле учурда аны кыргыз педагогикасынын Умай энеси деп баалоо да аша чапкандык болбойт».

Жыйынтыктаганда, Чыйырды менен Акбалтанын мээримдүү жана зордукчул эмес (ненасилие) тарбия акылмандыгы, башкача айтканда, экөөнүн баланын кайталангыс жаратылышын кылдат түшүнүп турган жана аны эркин өстүрүүнүн зарылдыгын сергек туюна билген көрөгөчтүгү Манастын инсан жана баатыр катары калыптанышында орчундуу роль ойногондугу көрүнөт. Чыйырды энени тубаса акылман элдик педагог десек жаңылышпайбыз. Алтай жергесинен калмак-манжуунун каардуу Кочку баатырын жеңген жаш Манасты өз көзү менен көргөн кытайдын Тагылык аттуу тыңчысы Бээжиндеги падышасына кыргыздын жаш баатырынын көрүнүшүн төмөндөгүчө сүрөттөп берет:

«Улук экен, шер экен, Уйпаланган буруттун,  Уулу Манас эр экен.

Манастын түрүн карасаң,

Кынсыз кылыч байланган,

Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланган.

Мунун жүргөнүнөн чаң чыгат, Добушунан жан чыгат».

Эгерде кокус Акбалта менен Чыйырды да Жакып менен бир ой-пикирде болуп, туш-тушунан тыйып, чогулуп кысмакка ала беришсе, балким бала Манастын да ичинде алоолоп күйүп турган жалыны өчүп, ал жүрө-жүрө буураныкындай булчуң күчүнө карабай калмактан жалтанчаак, кытайдан коркончоок, атасы сыяктуу сагызгандай сак, эсепчил, стандарттуу жан болуп калат беле. Бирок тилекке жараша, Акбалта менен Чыйырдынын акылман акыл-эсине жана жан-жаратылышына, дагы айталы, мындай тарбия усулу жат болучу.

Манастын эмелеки Тагылык сүрөттөгөндөй жалтанбаган түрү жана «жүргөнүнөн чаң чыккан, добушунан жан чыккан» мүнөзү Чыйырды менен Акбалтанын баланын жалындап күйгөн жан болумушун жабыр тарттырбаган, тентектигин тебелеп-тепсебей, астыртан акыл-эсин бүчүрлөнткөн, «кабыланды» кабылан бойдон бүркүттү бүркүт бойдон өстүргөн гумандуу эркин тарбиясынын натыйжасы. Алар баланын ичиндеги отун өчүрмөк тургай, кайра факель сыяктуу алоолонтуп жандырышкан экен.

Айтмакчы, Акбалта менен Чыйырдынын таалимчинин үлгүсү дүйнөлүк гуманисттик педагогиканын улуу идеяларын эске түшүрүүгө түртпөй койбойт. Илгерки Европалык залкар педагог-ойчулдар таалим-тарбия ишиндеги казенщинага, колу-бутту кенен сундурбаган ар кандай директивалык көрсөтмөлөргө, чүрпөнү чүнчүтүп, кысмакка алган авторитардык-рецептуралык педагогикага дайыма каршы чыгышып, кичинекей адамдын МЕНин урматтоону, баланы балалыгынан ажыратпоону, баланын бала болууга укугун моюнга алууну, анын табияты менен эсептешип, ага мүмкүн болушунча көбүрөөк эркиндик берип тарбиялоону насыятташып, жеткинчектин тула-боюнда бугуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн «канат-бутагын» кенен жайып ачылышына шарт түзүүнүн зарылдыгын тастыктап келишкен. Улуу ойчулдарга таазим кылып жатып, башыбызга момундай бир ой келет. Идея туптуура жана улуу. Бирок ушундай улуу гуманисттик педагогикалык философия жалаң эле Европанын табылгасы беле? Биздин оюбузча жок. Мындай педагогикалык гуманизмдин түпкү тамыры батыш менен чыгыштын элдик педагогикасында жатат дээр элек. Акбалта менен Чыйырдынын эркин тарбия философиясы гумандуу педагогиканын башаты алда качан эле «Манастан» башталгандыгын күбөлөйт.

XLIX.  АДАМДЫН ЖҮРҮМ-ТУРУМУН БАШАЛАМАН СЕЗИМДЕР ЭМЕС, АКЫЛ-ЭС БАШКАРЫШЫ КЕРЕК

Дүйнөлүк этикалык окууларда пенде баласы өзүнүн табиятына ылайык, тула-боюнун муктаждыктарынын үнүн угуп, сезимдеринин, инстинктеринин тизгинин бош коюп, тыштагы коомдук авторитардык норма-эрежелерге, догмаларга байланып тушалбастан, чектелбестен, ички тубаса каалоо-кумарларын жүгөндөбөй эркин коё берип, тула боюн жазып, бук болбой, кысылбай жашоого тийиш деген көз караш-позиция да бар. Мындай позицияны жактагандар кишинин жүрүм-турумун биринчи иретте, жасалмасыз табигый сезимдер, инстинктер жетектеш керек, адамды сезим башкарыш керек дегендер. Жок, дейт кээ бир дүйнөлүк акылмандар, пендени жалаң инстинктер, сезимдер башкарып калса, киши башаламан жорук-жосунга, логикасыз чалды-куйду жашоого тушугушу мүмкүн, тескерисинче, ичтеги азоолонгон ээнбаш каалоо-кумарларды, инстинктерди ооздуктап туруш керек, адам тартиби менен, өзүн-өзү тыя билгендиги, тыштагы жалпыга кабылданган социалдык нормаларды урматтай билгендиги менен адам. Албетте, сезим баалуу, кымбат. Бирок ошондой болсо да, сезимге акыл-эс (разум) жетекчи болуп, кишинин жүрүм-турумун акыл, аң-сезим башкарышы зарыл. Көп ойчул-этиктер ушундай ойдун жактоочулары болуп калган. Эгер тирүү болсо, этикадагы ушул акылдын приоритети жөнүндөгү ой-идеяны Тоголок Молдо да ачык жактап чыгар эле. Себеби акындын «Кемчонтой», «Телибай тентек» поэмаларынын мазмуну жана логикасы бизди дал ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги идеяга аргасыздан алып келип такайт. Аталган поэмалардын башкы каармандары Кемчонтой менен Телибайдын багыты жок башаламан турмуштары, оюна эмне келсе, нени кааласа ошону жасай беришкени, ээнбаштыктары, зөөкүрлүктөрү, эссиздиктери, жүрүм-турумдарындагы логикасыздык, алар жараткан анархия жана азаптар адам баласынын нравасы үчүн бийик акыл-эстин, (разум) жогорку аң-сезимдүүлүктүн  канчалык зарыл экендигин ташка тамга баскандай тастыктап турат.  Мына ошентип, Тоголок Молдонун өзүнүн чыгармаларынын подтексти аркылуу инсандын адеп-ахлагынын жетекчиси, башкарган кожоюну акыл-эс болуусу шарт деген философияны ишара кылып тургандыгын айтпай коё албайбыз. Бүгүнкү биздин коомдун адеп кризисинин, жээги жок эркиндиктин жана тизгини жок боштондуктун кырдаалындагы моралдык башаламандыктын шартында Тоголок Молдонун жүрүмтурумга  бийик акыл-эстин жол көрсөтүүчүсү болушу лаазым деген этикалык насааты бизге аба менен суудай зарыл нерсе. Сезимди танбай туруп, биринчи иретте, акылэсти тарбиялоого көңүл буруу зарыл.

L. АДЕП-АХЛАКТЫ ОҢДООНУН ҮЧ БУЛАГЫ

Өз кезегинде адам баласынын адеп-ахлагы жөнүндө көп ойлонуп көп жазган Тоголок Молдо ойчул катары кишинин жүрүм-турумундагы, мүнөзүндөгү кемчиликтердин себептери, пенденин рухий-ыймандык жактан оңолушунун жолдору тууралуу ойлонбой, толгонбой кичинекейинен баштап тиешелүү тарбия албай койгон эмес. Акын көп наадандыктардын орун алышынын себептерин кишинин билимсиз калгандыгынан көргөн. («Билимсиз караңгылык себебинен, үйрөнбөй келе жатат өз жолунда»). «Жанбакты» деген ырында.  Тоголок Молдо жанбактынын жалкоолугунун себебин башынан эле эмгек тарбиясын көрбөгөндүгүнөн издеп табат («Түбүнөн эмгек кылбаган, түйшүк кылбай көнүккөн. Анча-мынча кызматка бала кезде көнбөгөн»). Мунун өзү Тоголок Молдонун педагогикалык ой жүгүртүүсүнүн социологиялуулугунан кабар берет.

Педагог-акын жүрүм-турумдун, мүнөздүн кемчиликтерин оңдоо үчүн үч нерсе зарыл деп эсептеген.

Биринчи. Баланы кичинекейинен адепке, ар-намыстуулукка, эмгекке үйрөткөн тарбиянын зарылдыгы.

Экинчи. Адамга илим-билим берип, агартуу аркылуу көзүн ачып оң жолго салуу («Мектепке кармап бербесе, окутуп оңго келбесе, илим-билим үйрөтүп, шалтаңды минтип жеңбесе, оңго келер жөнү жок»).

Үчүнчү. Адамдын өзүн-өзү тарбиялоосунун зарылдыгы.

Тоголок Молдо «Адам мүнөзү» чыгармасында минтип жазат: «Өз бейлин өзү билбей жүргөн жан көп, карабайт көзүн ачып оң-солуна, ойлонбой өз мүнөзүн жүрө берип». Бул жерде акын өзүнүн ички пейил дүйнөсүнө, өз мүнөзүнө адамдын талдоо салышынын керекчилигине, өз жүрүм-турумунун оң жана терс жактарына сын көз менен карап, баалай жүрүүнүн зарылдыгына, бир сөз менен айтканда өзүн-өзү аңдап түшүнүүнүн кажеттигине басым коюп жатат. Өзүнүн мүнөзүн өзү үйрөнүү жөнүндөгү ой учурунда элеттик көчмөндүк-патриархалдык чөйрө үчүн абдан прогрессивдүү ой болгон.

Тоголок Молдо «мүнөзүн өз мойнуна албаган көп» деп жазат. Акын эгерде адам өзүнүн мүнөзүнүн, жүрүм-турумунун оң-солун аңдап, кемчиликтерин түшүнүп, мойнуна алып, андан жыйынтык чыгарып, өз мүнөзүн өзү түзөөгө ыклас койсо, анда инсан адеп-ахлак жактан өйдөлөп өсөөр эле деген ойду туйгузат. Демек, Тоголок Молдонун ою боюнча адамдын адебинин оң жолдо өркүндөшүндө кишинин өзүн-өзү аңдап, өзүн-өзү тарбиялоосуна, өзүнүн жекече активдүүлүгүнө чоң роль таандык. Педагогикалык антропологияда адам деген диалектикалык өсүүдө турган жан. Ал бүгүн жаман болсо, эртең жакшы болушу мүмкүн. Адам деген – өсүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Ал келечекке карата ачык. Адам өзүн-өзү түзөт, жаратат деген даанышман ой жашап келет. Улуу Тоголок Молдонун этикалык ой жүгүртүүсү да ушул даанышмандыктын нугунда турат. Тоголок Молдо адамдын адеп-ахлак жактан  өзүн-өзү өйдөлөтүп жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө  оптимизм менен караган озгун ойчулдардан болгон.

LI. КАЛЫГУЛ ОЛУЯНЫН АДАМГА КАРАТА БОЛГОН ОПТИМИСТТИК КӨЗ КАРАШЫ

Калыгулдун биринчи иретте, адам баласына, анын мүмкүнчүлүгүнө, келечегине арканды узун таштап, кенен караган оптимисттик көз карашка ээ экендиги баамдалат. Ал замандаштарына кайрылып, адамга ишеним кылууга, аны басынтпай, басмырлабай, кайра ага колдоо көрсөтүп сүрөөгө алууга, кеңпейилдиктин, адамкерчиликтин жолунан тайбай, айкөл болууга чакырган. «Алгыр болсо тайганың, алтындан таап каргы так», дейт акын. Маанисинде бул тайганга эмес, адамга карата каймана айтылып жатат. Бул жерде сөз кишинин талант, жөндөмүн баалай билип, ага жекече урмат көрсөтүү акыйкатчылыгы жөнүндө болуп отурат. «Өзөндүү сууга тал бүтөт, өлбөгөн кулга мал бүтөт». Мына ошондуктан, «Аргымакта жал жок деп, жолго таштап кетпеңер, азаматта мал жок деп, жоого таштап кетпеңер, нелер келип не кетпейт, эр жигиттин башына», деп насыяттайт. Эгерде өсө турган адамдын алдын тороп, көралбастык, караниеттик кылып, кедергилик жасаса, анда киши аксайт, мүдүрүлөт, өксүйт («Ак бөкөн келип жыгылат, алдын казып орлосо»), бирок мындай кыянаттык нарктуу пенденин кыла турган жосуну эмес, тескерисинче, адамга жакшы кеп айтып, кулагынын черин жазып, жөлөмөлөсө, азаматтын көңүлүнө канат бүтүп, алдыга аргымактай күүлөнөт, түбү, мындан кайра эле өзүң береке табасың деген Калыгулдун накылы көкүрөккө жат кылып көтөрүп жүрө турган мүлк эмей, эмне?

«Ийри жыгач түз болот, теске салып оңдосо». Калыгулдун бул сөзүнүн да мааниси терең. Бул адамдын кемчилигин көрүп, андан түңүлүүгө болбойт, «ийрилик» анын маңдайына түбөлүк жазылган эмес, зилинде, ички түпкүрүндө анда өсүүгө, оңолууга мүмкүнчүлүк жатат, эгер амалын, ачкычын таап тарбияласа, адамдын ийриси түзөлүп, оң жолго түшпөй койбойт деген сөз го. Бул өзүнчө бир этикалык-педагогикалык философия. Мына ошентип, Калыгул пенденин инсан катары өсүш маселесине диалектикалуу карап, кишиге ишенич менен камкор мамиле кылуу даанышмандыгын бизге осуяттаган.

Философ Платон: «Жаратылышта бири-биринен өзгөчөлөнгөн калай, темир, күмүш, алтын деген заттар бар, коомдо адамдар дагы өздөрүнүн сапаттары жагынан ушундай болуп бөлүнүшөт жана айырмаланышат. Жаратылышта, маселен, күмүш күмүш бойдон, калай калай бойдон өз кебетесинде тура берет. Бирок адам коомунун табияты башка, коомдо мисалы, «калай-адам» шарт-жагдайы ылайык келсе, «күмүш-адамга» айланат, «күмүш-адам» акырындап жүрө, жүрө «алтын адамга» өсүп чыгышы мүмкүн» – деген даанышман ойду айткан. Калыгул олуянын адам жогорудагы жөнүндөгү көз карашы даанышман Платондун идеясы менен үндөшүп турат. Мына ошентип, Калыгул коомдун  алдына чоң педагогикалык проблеманы койгон. Коомдо чындыгында эле, эгер таалим-тарбия  иши ар тарабынан кылдат ойлонулуп жана дыкат уюштурулуп, жолго коюлган болсо, «калай» делген бала бара, бара «күмүш балага», күмүш делген бала «алтын балага» айланышы этимал экендигин турмуш ырастап келе жатат. Мына ошондуктан илгерки К.Гельвеций «Тарбиянын колунан бардыгы келет», (Воспитание всемогуще) деп  бекеринен айтпаса керек. Эски убакта жазылган бир китептин автору «бардык адамдар таланттуу», ар бир адам бирөөдөн кандайдыр бир жагынан артыкчылык кылат, биздин ар бирибиз төрөлгөнүбүздөн кичинеден генийбиз деп түз эле айтат. Бир сөз менен айтканда, Калыгул Бай уулунун адамга карата болгон оптимистик көз карашы таалим-тарбия тармагы үчүн өзүнчө эле бир методологиялык  ачкыч сыяктуу.

 

LII. УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА КАРАЙ

И.АРАБАЕВ ЧАПКАН ЖОЛ

I

Белгилүү бир тарыхый кырдаалда кезеги келип, сааты чыгып, толгоосу бышып турганда, кылычтай жарк-журк этип, чагылгандай чарт-чурт этип айтылчу улуу сөз болот. Ошол улуу сөзгө тарыхый учурдун өзү муктаж болуп турат. Ошол коомдук-тарыхый муктаждык керектүү учурда аңдалып туюлбай, айтылчу улуу сөз айтылбай, жамааттын кулагында жаңырбай, жар салынбай калса, анда жумурай журттун кылкылдап бараткан көчү башка тарапка бурулуп кетиши да мүмкүн.

Бирок тилекке жараша, керектүү тарыхый кырдаалда бүтүндөй улуттун тагдырына чечүүчү таасирин тийгизчү улуу сөздү айтчу лидерди тарых өзү түртүп, сахнага чыгарат экен.  Ошондой тагдырга тете улуу сөздү татаал, кайчалыш кырдаалдагы тар жол, тайгак кечүүдө таамай сүйлөгөн Ишенаалы Арабаев болгон. Бирок ошол улуу сөз менен окурмандарды тааныштыруудан мурда И.Арабаев андай чоң философияны айтуу даанышмандыгына кандай жолдорду басып отуруп келгендиги тууралуу кыска-нуска кеп салып өтсөк.

Кыргызда: «Бийик чокуга чык, чокудан мейкин көрүнөт» – деген сөз бар. Анан өз калкыңды, өз журтуңду тааныйм десең, бөлөк-бөтөн жактарга саякатка чык,– деген накыл кеп да айтылып келет. 1907-жылы Ишеналы Арабаев алыскы Түркиянын Константинополь шаарына келип, окууга кирет. Константинополдо бир аз окуп, андан кийин Тегеран, Багдат шаарларын басып өтүп, Мекеге жеткен. Андан соң билим издеп, Оренбург, Казань, Уфа шаарларына барган. И.Арабаев өзү үчүн гана дүйнөгө саякаттап чыккан эмес. Ал дүйнөнү кыдырып, өз элинин келечегин, эркиндигин, бак-таалайын издеген. Ал өзүнүн тубаса кеменгерлиги, өтө тездик менен өнүккөн интеллектуалдык  кудурети менен тоо арасында туташ сабатсыздыктын азабын тартып жаткан ак калпак кыргыз элин агартуунун, цивилизациянын жолуна алып чыгуунун жолдорун табууга умтулган.

Илгери индиянын президенти Неру: «Мен өзүмдүн Индиямды Англия, Лондон аркылуу ачтым» деген экен. И.Арабаев да Арабстан, Турция, Россияны, Казан, Уфаны көрүп, медресе Галиядан окуп, көзү ачылып, ушул инсандык тажрыйбасы аркылуу кыргызын, Ала-Тоо ата журтун кайрадан ачкан, бүркүттүн бийигинен эл-жерин жаңыча өнүттөн тааныган десек жаңылышпас элек. Ал элинин социалдык-саясий боштондукка муктаж экендигине, айрыкча. Агартуунун зарылчылыгына, журтунун өзүнчө мамлекет болуп, өз эне тилин туу кылып жашоого акылуу экенине көзү жеткен. Ошондо, И.Арабаев өзүнүн төмөнкүдөй улуу сөзүн, улуу ишенимин үнү кардыкканча кыйкырып жалпыга жарыя кылган:

«Ар бир улут өзүнүн энчилүү тили болбой улут боло албайт. Бүгүнкү илим-билимдин заманында ар бир улут өз эне тили менен эзилген эмгекчилерине, жаш муундарына китептерди даярдап, ошону менен тарбия кылууга тийиш. Ал эми, андай болгондон кийин кыргыз эли бир улут экендигибизде талаш жок. Бирок Түркстандагы башка улуттардан тил жүзүндө айырмабыз барбы дегенде, ооба бар. Биринчиден, бир жарым миң жылдан бери сүйлөнүп келген кыргыз тили башка тилге аралашпастан сакталып келди деп айтсак, муну эч ким талашпас. Башка тилден сөз кирсе да, ал сөздөр кыргыз тебетейин кийген. Мисалы, өзбек, татар, башка түрк элдеринин тилин алсак, арабфарс тилинен көп сөздөр кирген, түшүнүү кыйын. Казак тилинде да аралаш сөздөр көп учурайт. Ошондуктан казак тилин кыргызга эне тили ордуна колдонууга болбойт. Көздү жумуп, казак тилинде окуу жүргүзүү дурус эмес».

И. Арабаев дүйнөнү кыдырып келип, Галия медресесинде окуган кезинде эле, эне тил тууралуу ушундай ишенимге, идеяга келген. Бекеринен ал 1911-жылы кыргыз-казак балдары үчүн «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу туңгуч китебин жазып, Уфадагы «Шарк» басмасынан чыгарган эмес. И.Арабаев Агартуунун негизинде ар бир улуттун өз эне тили пайдубал катары жатыш керек деген педагогикалык концепциянын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Бул концепцияда кыргыз эли өзүнүн энчилүү тили бар улут экендиги, андыктан ак калпак калктын бир жарым миң жылдан бери сүйлөнүп келе жаткан эне тилинин туусу алдында биригип, өз мамлекетин курууга акылуу экендиги жөнүндөгү саясий философия да бугуп жатат. Бекеринен И.Арабаев туңгуч кыргыз газетасын «Эркин-Тоо» деп атаган эмес.

И. Арабаевдин бул улуу сөздөрү кандай тарыхый шартта, кырдаалда айтылган? Ошол кезде Ала-Тоо аймагындагы орус-тузем, «усули-жадид» мектептеринде, боз үйлөрдөгү окууда, а түгүл кыргыз манаптары, эл жакшылары өздөрүнүн күчү менен ачкан «Жаңы метод» мектептеринде да орус, татар, араб-фарс, эски өзбек, түркчагатай тилдери окутуунун тили катары үстөмдүк кылып турган эле. Окуу куралдары да ушул тилдерде болгон. Башка тилдердин үстөмдүгүнүн дал ушундай шартында И.Арабаевдин жогорудагы ой-идеялары көнүмүшкө карата альтернатива катары чарт-чурт эткен чагылгандай айтылган, адат болгон канондорго, догмаларга каршы бунт чыгарган, күндөлүк педагогикалык агымды кыргыз тили тарапка бурууга чакырган, нагыз революционердик духтагы улуу патриоттук ураан, улуттук лидердин стратегиялык даанышмандыгы болгон. Ошол тушта кыргыз балдарына татар, казак тилинде эле окутуу идеясын жактагандар да болгон. И.Арабаев өзүнүн өйдөкү концептуалдуу сөзүндө мындай идеяны көтөргөндөргө сокку уруп, кыргыз улутунун тилинде окуу китептерин жазып, чүрпөлөрдү улуттук тилде окутуп тарбиялоонун зарылдыгын тактаган.

И. Арабаевдин эне тилди туу кылып көтөрүшү төмөнкү жагдайдан улам да тарыхый жактан абдан баалуу. Колониализм демекчи, жергиликтүүлөрдү «туземецтер», деп теңсинбей басынтып атаган жана тоолук калкты орусташтыруу саясатын көздөгөн колониялык бийлик мектептерде кыргыз тилинин үйрөнүлүшүнө кам көрмөк турсун, ойлоп да койгон эмес. Тескерисинче, бу маселеге ачык эле каршы турган. Ошо кездеги билим берүү боюнча бир расмий документте мындайча жазылат: «Жергиликтүү калктын тилинде окутуу ишин жүргүзүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Минтип ойлонуунун өзү акыл-эсти жоготкондук болуп эсептелет» (С.Данияров. Кыргыз совет маданиятынынын калыптанышы. – Фрунзе, 1983, 37бет.). Колониализмдин түпкү мүдөөсү «Туземецтердин» жүрүп отуруп акыры тилин, маданиятын, улуттук тамырын соолутуу эле. Бирок бир кездерде Азия мейкиндиктеринде өзүнүн улуу мамлекетин түзгөн, байыркы тарыхы жана маданияты бар түптүү кыргыз журтунун акырындап тереңден түрүлө кайнап чыгып келе жаткан пассионардык күч-кубатын, илим-билимге кумарланган умтулуусун тумчуктуруп басып таштоо мүмкүн эмес болучу. Колониалдык үстөмчүл бийлик канчалык чүйлүсү менен карап, тымызын тоскоолдуктарды койсо да, улуттун ичтен буулуккан күчү тосмолор жырып агып чыккан суудай алдыга карай октос берип, толкуп келаткан эле. Ак калпак калк өзүнүн ошондой социалдык-тарыхый муктаждыгын, кардарчылыгын өз уулу И.Арабаевдин тили, Арабаевдин үнү менен кыйкырып жар салган. Бүгүнкү күндө улут, эне тил, билим-тарбия жөнүндө чечен сөздөр көп айтылат. Бирок И.Арабаевдин жогорудагы цитаталанган улут, эне тили, эне тилинде окутуп тарбия берүү жөнүндөгү философиясы кыйын-кезеңдүү тарыхый кырдаалда, кыйгас учурда караңгы түндө атылган мылтыктын үнүндөй жаңырып, улуттун тагдырын, улуттун Агартуусун оң жолго салууда баа жеткис роль ойногон Улуу сөз болгон. И.Арабаевдин бул улуу тарыхый акылмандыгын, мекенчил педагогикалык концепциясын тарыхый эс тутумубузда алдейлеп сакташыбыз керек.

И. Арабаев жогорудагыдай улуттук маанидеги үлкөн идеяны жарыялап гана тим болбой, ошол жан дүйнөсүнөн кайнап чыккан кымбат идеясын турмушка ашыруу үчүн практикалык чечкиндүү кадам жасап, сабатсыздыктын каптаган калың музунун жаракасынан өнүп чыккан гүлдөй кылып «Алип-бээ жаки төтө окуусун» жазып, аны октябрь төңкөрүшүнө чейин Кочкордогу Канат  хандын медресесинде жана Тоңдогу өзү салдырган «Төрткүл» мектебинде колдонуп, окутууну кыргызча китеп менен биринчи жолу кыргыз тилинде баштап, революцияга тете эрдик кылган. И.Арабаев биринчи муз жарган кеме сыяктуу. И.Арабаевдин улут алдында өтөгөн тарыхый улуу кызматы дал ушунда. И.Арабаев – кыргыз Агартуусунун символу.

II

И.Арабаевдин окуу китептерин карап чыккандан кийин улуу агартуучунун дагы бир концептуалдык педагогикалык көз карашын баамдайбыз. Бул концепция И.Арабаев тарабынан атайын бир формула түрүндө декларацияланбайт. Арабаевдин педагогикалык философиясы анын окуу китептеринин, «Алиппелеринин» ички структурасынан, мазмунунан, бүтүндөй духунан кызыл сызык болуп ачыкка чыгып турат. 1924-жылкы «Алиппенин» мукабасы Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сүрөтү анын карагай-кайыңы, суулары, ажайып жаратылыштын фонундагы боз үйдүн сүрөтү менен башталат. Баланы адегенде эле Ата-Журттун атмосферасы тартып алат. Андан ары окуучуну ошо Ата-Журттун ичиндеги төрт түлүк, түркүн аталыштагы чөптөр, өсүмдүктөр, толгон-токой куштар, жан-жаныбарлар, түркүн улуттук тамак-аштар, улуттук кийимдер, кыргызча антропонимдер, үрп-адат, салттар, этнографиялык буюмдар, ар кандай элдик ырлар, тамсилдер, жомоктор, табышмактар, жаңылмачтар, макалылакаптар курчап калат. Бир сөз менен айтканда, окуучу бала өзү жашаган жердин географиясынан, этномаданий колоритинен, флора, фаунасынан ажыратылбай, анын мекенчил, патриоттук сезиминин ойгонушуна, өсүшүнө кам көрүлөт. Мындай педагогиканы биз И.Арабаевдин улуттук баалуулуктарга негиздеп окутуу концепциясы деп атасак жаңылышпас элек. И.Арабаевдин бул педагогикалык нускасын ыр саптары менен да бергибиз келди: Атабыз «Алиппесине»,

Боз үйдү тарткан биринчи.

Боз үйдү көргөн чүрпөлөр, Барбалаңдап сүйүнчү.

Китептерин жазганда Арабай уулу үндөгөн:

Балакайлар бил деген,

Ыйыгың эне тил деген,

Ата-Журтуң сүй деген,

Салттарын сактап кыргыздын Санааңа бекем түй деген.

Чөптөрдүн, малдын, куштардын,

Аттарын билип жүр деген,

Тамак-аш, кийим аттарын Уят деген билбеген.

Ушунун баарын атабыз

«Алиппеде» санаган – Барктаганга татыктуу Баалуулук деп санаган. Кеменгердин бул ою Согуп турган жүрөктөй. Тарбияга бүгүнкү,

Табылгыс дары мүрөктөй.

Чындыкты айтуу керек, кийин тоталитардык система күчөгөн заманда биз жаш муундарды улуттук мурастардын, нарк-дөөлөттөрдүн негизинде окутуп-тарбиялоонун И.Арабаевдик багытынан четтеп, адашып калганбыз. Өнүккөн социализм деп аталган жылдардагы Кыргызстандын окуу китептеринин мазмунуна мүнөздүү бир мисалды келтирип өтөлү. Маселен, 2-класстын «Эне тили» окуу китебин окуйлу:

«В. И. Ленин атындагы пионер уюму качан түзүлгөн?», «Советтер Союзунун пионерлеринин убадасы», «Пионердин чоң энеси», «Октябрь туусу», «Партия бизди үйрөттү», «Эртеңкибиз жаркырап турат», «Законум», «Москва – Советтер Союзунун борбору», «Дайым даңк», «Ленин тууралуу ыр», «В.И. Ленин Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү», «Ленин жашайт арабызда», «Орок балка», «Достук ыры», «Менин өлкөм», «Биринчи пионер ким?», «Пионер», «Силердин досторуңар», «Болгориянын пионерлери», «Венгриянын пионерлери», «Кубанын пионерлери», «Ленин Смольныйга келе жатат», «Октябрга», «Граждандык согуш», «Элдердин үй-бүлөсү», «7-ноябрь конституция күнү», «Полководец», «В.И.Лениндин революциялык иштеринин башталышы», «Улуу-атам Ленинге», «М.Горькийдин келиши», «Кремлдеги биринчи ишембилик», «Совет элинин улуу жетишкендиктери», «Революционер үй-бүлө», «Балдарга Лениндик камкордук». Окуу китебинин мазмуну бүтүндөй ушундай саясий тексттерге шыкалып турат. Окуу китептери баягы Арабаевдик улуттук колориттен жана нарктардан ажыраган.

Мына ошентип, биздин окуу китептер сыртынан «эне тил» деп аталганы менен ички мазмуну боюнча өзүнүн тарыхый тамырларынан ажыраган маңкурт муундарды, кенедейинен саясий-идеологиялык догмаларга «ууланган» тоталитардык түзүлүштүн легиондорун тарбиялоого эсептелгени чындык болучу.

Өкүнүү менен белгилей турган нерсе, биз эгемендүүлүк жылдарында да билим берүү системабызда (Сулайман Рысбаевдин «Алиппеси» сыяктуу айрым саамалыктарды эсепке албаганда) агартуунун атасы Арабаевдин улуттук философиясына кайтып келе алган жокпуз. Мунун чындыгы бар. Ушул макаланын автору, мен өзүм да Кыргызстандын буга чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик доктринасында, концепциясында, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамында окуу-тарбия маселесине олуттуу көңүл бурулбагандыгын, биздин билим берүү документтерибиз негизинен Кыргыз Республикасынын мекенчил атуулун эмес, жалпы эле «дүйнөнүн граждандарын» окутуп тарбиялоого багытталып, космополиттик мүнөз алып калгандыгын, биздин доктрина, концепцияларыбызды «Кыргыз Республикасы» деген атты алып таштап, дүйнөнүн көрүнгөн өлкөсүнө алып барып чаптай берсе боло берерлигин анализ, мисалдар менен далилдеген элем. («Кутбилим» 7.07. 2016-ж.). Макалам Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде талкууланып, айтылган сын туура деп табылган.

2020-жылдагы үчүнчү революциядан кийин гана биздин улуттук ар-намысыбыз чындап ойгонуп, биз улуттук башаттарыбызга, тамырларыбызга кайтып келүү боюнча практикалык кадамдарды жасай баштадык. Өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун улуттук адеп-ахлак, улуттук нарк жөнүндөгү Жарлыктарынан кийин гана муундарыбызга улуттук баалуулуктарга негизделген мекенчил тарбия берүү стратегиясына кайтып келүүдөбүз. Демек, И.Арабаевдин педагогикалык концепциясынын, башкача айтканда, балага башатты, тамырды таанытуунун жолуна бүгүн түшүп жатабыз. Арабаевдин жолундагы мындан аркы сапарыбыз байсалдуу болсун!

LIII. УЛУТСУЗ, ТАМЫРСЫЗ КОСМОПОЛИТИЗМДЕН УЛУТТУ САКТООНУН  МЕКЕНЧИЛ СТРАТЕГИЯСЫНА КАРАЙ

(Корутунду ордуна)

  1. Постиндустриалдык цивилизациялардын алкымына оп тартылып кетүү коркунучунун кырдаалында биздин карманган стратегиябыз кандай болушу абзел?

Улуу акын Арстанбек айткандай, бүгүнкү  «устаранын мизинде оодарылган» заманда, глобалдашуунун, дүйнөлүк интеграциялык процесстердин этносторду, майда улуттарды ассимиляциялап, оп тартып кетүү коркунучунун шарттарында, кубаттуу державалардын, глобалдык геосаясий күчтөрдүн, күчтүү постиндустриялдык цивилизациялардын кучагына жутулуу, чет өлкөлүк массалык маданияттын баскынында калуу опурталдуулугунун кырдаалында, улуттук бир чоң стратегияны карманып, эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү, тилибизди, тарыхыбызды, салтыбызды, маданиятыбызды, улуттук иденттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо, коргоо, чыңдоо, бекемдөө, өнүктүрүү – бул биздин улуттук жетектөөчү эң башкы генералдык идеябыз, жалпыбыздын жарандык стратегиябыз деп айтмакчыбыз. Ырасында эле, Кыргызстан үчүн бүгүн мындан ашкан, мындан кымбат жана мындан бийик, ыйык  стратегия барбы? Кыргыз мамлекети ушул улуттук жетектөөчү генералдык идеяны, мекенчил стратегияны өз муундарынын, жарандарынын алдында туу кылып көтөрүүгө, жылдыздай жаркыратып, маяк кылып кармоого тийиш. Бүгүнкү глобалдашуу заманында эгемендүү жаш Кыргызстандын таалим-тарбия ишинин негизинде дал ушундай философия, патриоттук концепция жатышы керек. Дагы айталы,  дүйнөгө кожоюн болууга, гегемондук кылууга умтулган күчтөр улуттук маданияттарды бир «Гөгөнгө» тизип, унификациялоону көздөйт. Мындай тенденцияга учурунда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов каршы чыккан.   Ч.Айтматовдун терең түшүнүгүндө, «бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап кала албайт, ар бир тил, ар бир  улуттук маданият жалпы адамзат казынасынын уникалдуу табылгасы. Ал жоголсо, экинчи кайталанбайт. Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, дүйнөнүн өзү көп кырдуулугу менен кызык»(Айтматов Ч., Күн сайын адам болуу. – Бишкек, 2018, 194-бет). Демек, биздин улут, биздин маданиятыбыз дүйнөлүк полифониянын бир кайталангыс феномени.

Анын жашоосу күнүмдүк эмес, түбөлүк болууга тийиш.

  1. Ата-Журттун атулуунун мекенчил модели – таалим-тарбиянын генералдык башкы максаты

Мындай жетектөөчү жогорку идеянын, андан агып чыккан мекенчил стратегиянын талап-муктаждыктарына, социалдык закасына ылайык өлкөдөгү таалим-тарбиянын алдына чоң максат коюлат. Айтмакчы, К.Д.Ушинский тарбиянын негизги көздөгөн максаты жөнүндөгү маселени коомдун педагогикасынын биринчи философиялык маселеси деп эсептегендигин эске түшүрө кетели. Жогоркудай генералдык идея-стратегия Кыргызстандын таалим-тарбиясынын башкы максаты төмөндөгүдөй болушун шарттайт.

Айтмакчы, максатты аныктоонун алдында бир орчундуу нерсени айтып өтүүнү ылайык көрөбүз.

Башка өлкөлөр өз урпактарын эмнеге жана кандайча тарбиялайт? Маселен, Түркия жакка көз чаптыралы. Түркиянын 1973-жылы 14-июнда кабыл алынып, бүгүнкү күндө да туруктуу иштеп жаткан «Улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамында» түрк билим-тарбия берүүсүнүн башкы стратегиялык максаты төмөндөгүчө аныкталган: «Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты – түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй-бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн жана дайыма өркүндөтүүгө аракет кылган, инсан укуктарына жана Башмыйзамдын  негизги принциптерге таянган демократиялык, граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Түркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу». Түркиянын көрүнүктүү педагог-идеологу Сервет Өздемир Түрк Улуттук билим берүү мыйзамынын ушул негизги баш мүдөөсүн дагы да тактап чечмелеп, мындайча  түшүндүрөт:«Улуттук ахлак жана улуттук маданият бузулуп, деградацияланышынан сакталып, өзүбүзгө таандык форма менен бүткүл дүйнө маданияты ичинде өз ордун таап, өнүктүрүлүшүнө жана окуп үйрөнүлүүсүнө маани берилет» (Сервет Өздемир. Мугалимдик кесипке киришүү. – Бишкек, 2002, 47-бет).

Дагы бир мисал, маселен, АКШнын мектептеринин 1-2 класстары үчүн окуу китептеринин дээрлик ар бир барагы «Бул менин Америкам», «Менин америкамдын желеги», «Менин америкамдын символдору», «Менин Америкамдын улуу инсандары», «Менин Америкам өнүгүп жатат», «Менин Америкам ырдайт», «Америка – биздин үйүбүз», «Биздин улуттук майрамдар», «Американы курган кишилер», «Американын пионерлери», «Американын ковбойлору» деген сыяктуу сөздөргө жана сүрөттөргө ширелген.  3-класстын окуу китебинде Американын рухий нарктары 20га жакын улуу инсандардын өмүр-таржымалдарынын негизинде үйрөтүлөт.

Япондук билим берүү системасы өз жаштарын эки чоң багытта – дүйнөлүк илим-билимди өздөштүрүүнүн жана япондук рух-дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоо философиясына таянат. Япониянын бир өзгөчөлүгү – ар бир мектебинде сөзсүз пианино ж.б.  музыкалык  аспаптар турат. Кайсы бир аспапта улуттук музыканы ойной билүү – ар бир япондук баланын ар намысы. Мектептеги «мораль» аттуу сабакта улутуңду тааны, адегенде япон бол, анан дүйнө маданиятын тааны деп окутат. (Караңыз, А.Жумагулова. Школьное образование Японии – Бишкек, 2005, 71-бет). Башка өлкөлөр мына ушинтип өз мамлекетинин ичинде өз идеологиясын чечкиндүү жүргүзүп, өз территориясында өз укугун бекем орнотуп, балдарынын өз улутунун дөөлөттөрүнүн нугунда атуул болуп калыптанышына камкордук көрүп, өз мекенинин кызыкчылыгынын сакчылыгында бекем турушат. Ошол эле Түркияда мектеп мугалиминин антында «түрк улуттук патриоттуулугуна, баш мыйзамдын негизги принциптерине берилүү менен иштээриме, окуучуларымды ушуга ылайык тарбиялоого ар-намысым жана абийирим менен ант берем» деп жазылган. Кыскасы, дагы айталы, бөлөк өлкөлөрдүн билим берүү башкы документтеринде демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарынын негизинде тарбиялоого багыттар ачык-айкын жазылат. Бөлөк мамлекеттер мына ушинтип, окуу-тарбиянын башкы максатын өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарынан жана муктаждыктарынан чыгып аныктайт.

Улутсуз космополитизмден тарбиянын патриоттук концепциясына карай Кыргызстандын буга чейинки иштелген билим берүү мыйзам-концепцияларында, мамлекеттик доктриналарында  мындай улуттук кызыкчылыктан чыккан тарбия мүдөөлөрү ачык көрүнбөйт. Документтерибиз Кыргыз Республикасынын улуттук мүдөөсүнө ылайык атуулду эмес, жалпы эле «дүйнөнүн граждандарын» окутуп тарбиялоого багытталып, негизинен космополиттик духта болуп, абстрактуу мүнөздө экендигин өкүнүү менен айтпай коё албайбыз. Мынакей, жергиликтүү шартты эсепке албай, интернеттен көчүрүп жазуунун азабы. Билим берүү документтерибизде маселен, «билимдүү, маданияттуу, атаандаштыкка жөңдөмдүү адамды окутуп-тарбиялоо» деген сыяктуу конкреттүү улуттук колорити, боёгу  жок максат коюлат. Мындай жалпы ойду, жалпы аныктаманы мисалы, Кореяга, Казакстанга, Италияга, кыскасы, дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө болбосун алып барып таандык кыла берсе болот. Биз мындай абстракттуулуктан кутулушубуз керек. «Жалпы адамзат», «интернационализм» деген ураанга жамынган, бирок, өз улутунун баалуулуктарына жана кызыкчылыктарына кайдыгер караган элбезерлерди кезегинде Чыңгыз Айтматов катуу сынга алган.

Эмесе, биздин эгемендүү Кыргыз Республикасынын окуу-тарбия стратегиясынын башкы максаты төмөндөгүчө коюлушу ылайык:

  • Жаш адамдарды Ала-Тоо ата-журтубуздун, анын эркиндигин, эгемен мамлекеттүүлүгүн эң жогорку ыйык дөөлөт деп санаган бийик жарандык аң-сезимдүүлүккө, мекени үчүн жанын берүүгө, анын гүлдөп өнүгүшү үчүн каруусун казык, башын токмок кылууга даяр турган, ата- журтумсуз мен киммин, ата-энесиз жетиммин, «басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин» деп ойлонгон, ата конушунун бүтүндүгү, эл-журтунун биримдиги үчүн тикесинен тик турган, «Сен ооруба, мен ооруюн ата-журт» деген патриоттуулукка тарбиялоо;
  • Азиядагы эң байыркы калктардын бири болгон, бир кезде өзүнүн империясын курган кыргыз элинин тарыхтын бороондуу жолдорунда эркиндик, боштондук үчүн болгон азап-тозоктуу каарман күрөшүн, баатырдык тарыхын терең билген, аны менен сыймыктанган, ата-бабаларынын мекенчил өрнөгүн үлгү туткан, бекем тарыхый эстутумга эгедер, көкүрөк-көөдөнү ар-намыска жана абийирдүүлүккө, достук сезимге ширелген атуулду тарбиялоо;
  • Ата-Мекенинин рухий мурастарын мыкты өздөштүргөн, элинин кылымдарды карыткан уңгулуу салттарын боюна сиңирип аздектеген, калкынын маданиятына, адепахлагына, руханиятына жан дүйнөсү сугарылган, аларды колдоно жана өнүктүрө билген, улуттук-этникалык иденттүүлүккө эгедер, жалпы адамзаттык маданиятты, илим-билимди өздөштүргөн жаранды жаратуу;
  • Эне тилим – улутумдун жүзү, улутумдун жаны, «улут болсом, тилим менен улутмун» (Э. Ибраев) деп түшүнгөн, эне тилим – эне сүтүм, ыйыгым жана сыймыгым, адамдыгымдын жана атуулдугумдун чен-өлчөмү, «Башка тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм» (Алыкул) деп туюнган, мамлекеттик тилдин байрагын желбиретип бийик кармап алып жүргөн, кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу маданиятынын өрнөгүн көрсөтө билген азаматты жетилтүү.

Мынакей, өлкөнүн таалим-тарбиясы жарата турган кыргыз мамлекетинин жаранынын өрнөгү, модели.  Ушул жарандык моделди реалдуулукка айландыруу Кыргызстандын таалим-тарбия системасынын жана улуттук педагогиканын башкы мүдөөсү. Кыргыз мамлекетинин, эгемендүүлүгүбүздүн, улутубуздун сакталышына, боосунун бекем болушуна, коопсуздугуна, гүлдөп өнүгүшүнө жана жаркын келечегине дал ушундай жарандык менталитет гана гарант болуп бермек. Кыргыз мамлекетинин арка бел кылары, таянар тоосу ушул касиеттерге эгедер атуул. Туура, демократиялык идеалдарды өздөштүрүүгө тарбиялоо да тарбиянын максаты жана милдети. Бирок биз бул жерде улутту улут кылып сактай турган этникалык, этнопедагогикалык чордондуу маселени, тарбиянын өзөгүндө жата турган нерсени атайылап бөлүп көрсөтүп, ага басым коюп жатабыз.

  1. Элдик педагогикабыз эмне дейт?

Элдик педагогика, калк адеп-ахлак философиясы да илгертен бери карай дал жогоркудай мекенчил инсан концепциясын тутунуп келген. Элдик казынабызга кайрылсак, маселен, Эне-Сайдагы 711-жылы кыргыз каганы Барсбекке арналып тургузулган эстеликтеги жазуу мындай саптар менен башталат. Окуйлу: «Он ай боюна көтөргөн эле мени энем! Элиме мени тууп берген эле  энем» (Орхон-Енисей тексттери, 171-бет). Алтын-Көлдөгү эзелки кыргыз  элчиси Эрен Улугка арналган таш  эстеликтеги жазуу да ушундай маанидеги сөздөр менен ачылат.  Мына карайлы: «Он ай көтөрдү энем. Уул туулдум» (ошондо, 172-бет).

«Он ай боюна көтөргөн эле мени энем! Элиме мени тууп берген эле энем» деген эки саптын экинчи бөлүгүнө үңүлүп көңүл буруп көрөлү:  «Элиме мени тууп берген эле энем». Жакшылап тигилсек, бул жерде бөтөнчө  бир маани жатат. Эрен Улугдун бейитиндеги ташта «уул туулдум» деп эркек болуп төрөлүү фактысына атайы басым коюлуп, сыймыктануу менен жазылып жатат. Демек, бул жерде, жакшылап  байкасак,  эне, уул баланы жөн эле кызыл эт кылып, жарык  дүйнөгө төрөп коюш үчүн он ай көтөрүп, омурткасы сыздабайт, эркек баланы эне бир үйбүлөгө гана  эмес, жамы тууган элине, калайык-журтуна төрөп берет,  уул элдин перзенти, жамааттын табылгасы, ал омурткасы сыздап, он ай көтөргөн энесинин акысына, ак сүтүнө элдин уулу болуп, калайык-калкынын керегине  жараган атуулдук-азаматтык  кызматы аркылуу гана татыктуу боло алат деген идея чөгүп жатат. Мындан улам «элиме мени тууп берген эле энем», «уул туулдум» деген сөздөр бекеринен ташка чегилип  жазылбагандыгын туюнсак болот. Уул туулуу,  демек,  эл үчүн туулуу,  элге кызмат кылуу, элге кызмат кылуу энеге кызмат кылуу дегендикке жатат.

Кыргыз философиясында адамдын, атуулдун баалуулугу, кадыр-баркы анын өз эл-журту, Ата-Мекени менен болгон бекем байланышында, ага кылган ак кызматында. («Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» – Арстанбек) . Мына ушундай калк рухуна байыртан терең тамырлаган салттык тарбия идеясынан чыгып, улуу акын Жеңижок муундарга төмөнкүнү насааттап отурат:

Тогузу болгон жылдыздын,

Туйгуну болгун кыргыздын,

Жетиси болгун жылдыздын,

Жетиги болгун кыргыздын!

Учу болгун кылычтын,

Учкуну болгун кыргыздын,

Сабы болгун кылычтын,

Сазы болгун кыргыздын!

Демек, таалим-тарбиянын алдында өйдөкүдөй максат коюу, бүгүнкүчө айтканда, жарандын мекенчил модели кыргыз элинин социалдык салтында боло келген нерсе. Кыргыз жараны насаат-нусканы тыңдап гана жөн болбой, турмуш практикасында дал ошол ата-бабалар насааттагандай боло билген.

«Таманынын» алдында улуттук кыртышы жок, «көөдөнүндө» улуттук өзөгү жок, улуттук жүрөгү жок тарбия, ал тарбия деп атала албайт. Практика далилдеп жатат. Эгер таалим-тарбия өзүнүн этникалык кыртышынан, улуттук көрөңгөдөн жана салттан  ажыраса, мунун натыйжасы, жемиши катары маңкурт-кул, тамырсыз космополит, өз коломтосуна чоочун «көзкамандар», жалпы эле «дүйнөнүн гражданы» же нигилист келип чыгарына күбө болуудабыз. Ушул жерден улуу жазуучу Ф.Достоевскийдин «Улуттук көрөңгөсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек. Бутуңдун алдындагы бекем кыртышсыз алдыга ийгиликтүү жылуу мүмкүн эмес», деген сөзү эске түшөт.

Кыскасын айтканда, улуттук баалуулуктарга негизделген таалим-тарбия багыттамасы мамлекеттик деңгээлде документтештирилип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыктан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду массалык маданияттын арзан стандарттары жана стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр тарбия «арабабызды» Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, урпактарыбыздын социалдашуусу ыраатсыз, башаламан өтүп жатат. Бүгүн кыргыз жаштарынын бири Хизбут-Тахир болсо, экинчиси христианин, үчүнчүсү буддист, төртүнчүсү  баптист, дагы бири иоговдук сектанын мүчөсү, дагы бири диндик экстремисттик-террордук уюмдун  катарында. Адабиятыбызда төмөндөгүдөй ыр саптары бекеринен жаралган жок: «Аскарбегиң ары жок, башка динге өттүбү? Байкесин ээрчип Батмакан, баптизмге көчтүбү? Сарыгул балаң арабдын, сакалын барып өптүбү? Мойнуна крест тагынган, паранжыны жамынган, улут безер уул-кыз, уу жуткузуп кеттиби? Чынар болот дегендин, чырагы минтип өчтүбү?»

Мындай абал улутубузду сактоо кызыкчылыгынан алганда, өлкөбүздүн келечеги үчүн коркунучтуу.

Мына ошондуктан дагы бир жолу басым коюп белгилейли, улуттук баалуулуктардын, нарк-дөөлөттөрдүн негизинде мекенчил, улутман, патриот жарандарды, Манас рухуна сугарылган  атуулдарды тарбиялоо мүдөөсүн туу кылган  педагогикалык стратегияны мамлекеттик деңгээлде кабыл алуу жана ишке чегүү  бүгүнкү күндө аба менен суудай зарыл болуп турат. Мындай максатты аркалаган  стратегия – муундарды социалдаштыруунун жол көрсөткөн маягы болмокчу.

  1. Этнопедагогикалык тарбия стратегиясынын мазмундук-ресурстук гүлазыгын кайдан алабыз? Же улуттук коломтобуздагы улуу көрөңгөлөр

Эми суроо туулат. жогоркудай Ата-Журттун тиреги, таянар тоосу, мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнүн жана жаркын келечегинин гаранты болуп бере турган мекенчил жаранды жаратуу, калыптандыруу, өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинде кандай этникалык материалды, кандай мазмундук базаны жана рухий-маданий ресурстарды пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылмак?

Этнопедагогикалык тарбиялоо иши кандай мазмундук фундаментке таянмак? Тарбия ишинде колдоно турган мазмундук кор, казына, ресурс такталып аныкталбаса, анда жогорудагыдай бийик мүдөөлөр кооз фразалардын жана абстракттуу декларациянын деңгээлинде калмак да, тарбиячылар өз иштеринде кандай мазмундук багыттамаларды жетекчиликке алышарын билбей кыйналышмак. Өлкөбүздө мамлекеттик деңгээлде тарбия стратегиясы кабыл алынбагандыктан, тарбия институттарына концептуалдык түрдөгү этноресурстук таяныч багыттамалар берилбегендиктен жарандарыбыз, жаш муундарыбыз, а түгүл тарбиячыларыбыз да массалык маданияттын өрнөктөрүн ээрчип, ар кандай чет өлкөлүк миссиялардын тартуулаган «маршруттары» менен кадам таштап жатышат. «Валентин күнүн» белгилөө иш-чараларын эске түшүрөлү ж.б.

Адамзат даанышмандарынын калкты салттуу дөөлөттөрүнөн ажыратуу ошол элди кыйратып жок кылуу менен барабар деген оюнда акыйкат бар. Улутка тыш жактан бөтөн, жат идея, идеология таңууланса, анда ал бөлөк бирөөнүн жүрөгүндөй болуп калат, кыргыз элинин өзүнүн философиясы, өзүнүн жүрөгү, көрөңгөсү бар. Ушунун баары – элдик маданиятта, «Манаста» деген сөздө чоң чындык жатат. Демек, өйдөкүдөй атуул-гражданиндин моделин реалдуулукка айландыруучу тарбия ишмердигине мазмундук база болуп бере турган рух казынасын башка жактардан эмес, биринчи иретте, өзүбүздүн улуттук коломтобуздан издешибиз шарт. Дагы айталы, кылымдан калыптанган традицияга, рухий-маданий уңгуларга, та рыхый өтмө катыштыктын, уланмалуулуктун мыйзамына таянбаган тарбия барып, барып туюкка кептелерин тарых ырастап келет.

Кыргызстандын тарбия стратегиясы тарбия ишинде база болуп бере турган улуттук коломтобуздагы мазмундук ресурстардын негизги өзөктүү сызыктарын (линияларын) көрсөтүп берүүгө тийиш. Тарбиячыларга пайдаланууга багыт, ориентир катары кызмат кыла турган өзөктүү мазмундук – ресурстук, базалык таянычтардын төмөнкүдөй болмогу мүдөөгө ылайык келерин айталы:

А) Тарбиянын табылгыс таянычы жана гүлазыгы – калктын улуу тарыхы

Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч-бул эзелки доорлордон бери карай кыйынкезеңдүү, оор сыноолорго жана эркиндик, көз карандысыздык үчүн каарман  күрөшкө толгон калкыбыздын бай тарыхы. Борбордук Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), а түгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (IX кылым), эпостордо айтылгандай «Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган» жоокер,  эмгекчил,  баатыр  эл болгон. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак, Курманжан  датка,  Искак хан, Алымбек  датка,  Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов И.Раззаков, көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу  улут ар намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миңдеген баатырларыбыз, уул-кыздарыбыз – улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Кыскасы, биздин бүгүнкү тукумдарыбыздын духун көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар-намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даңктуу тарыхыбыз-тарбиянын соолбос булагы. «Өзүнүн тарыхын ийне-жибине чейин билип, аны жаш муундардын энчисине айландырып жаткан улут, бактылуу улут» (Махатма Ганди).

Б) Мамлекеттик тил – тарбия булагы.

Улуттун  улут  экенин  тастыктап турган эне тил – тарбиянын ресурстук таянычы жана башкы багыттарынын бири. Кыргыз тилинин лексикалык, макал-лакап, учкул сөз, жорго сөз, чечен сөз байлыгы – тилдик тарбиянын соолгус булагы. Кыргыз тилибиз – улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тили – жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам – тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда). Эне тилибиз ар бир Ала-Тоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган «улуттук паспорту» (Э.Ибраев). Дал ушундай философия жана тилдик патриотизм – тарбиянын алдында жол көрсөтүп күйүп турган маяк.

В) Тарбиянын түгөнгүс көрөңгөсү – этникалык маданияттын казынасы

Тарбия ишине чоң  азык-көрөңгө, омок болуп берчү дагы бир байлык, бул – этникалык маданияттын казынасы. Калктын кылымдарды карыткан каада-салттары, керемет элдик оюндары жана майрамдары, кайталангыс колоритке эгедер кол өнөрчүлүгү, ажайып кооздукка жана эстетикалык сулуулукка ширелген жасалга буюмдары, кулинардык береке-байлыгы, тарыхый-архитектуралык эстеликтери, кыскасы, улуттун уникалдуу материалдыкэтнографиялык маданияты – таалим-тарбиянын соолгус булагы.

Г) Ата-Мекенибиздин «Манас» баш болгон улуу фольклору, профессионал адабияты менен искусствосу, элдик философиясы тарбиянын соолбос кенчи

Улуу «Манас» эпосу баш болгон улуу рух байлыктарын камтыган фольклордук бай казынабыз, Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай ак таңдай акындарыбыздын поэ зиясындагы терең маанилүү санат-насыяттар, Карамолдо, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен,

«кулактан кирип бойду алган» сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор, сүрөт, кино, театр өнөрүбүз, кыргыздын духун, нравасын, философиясын, идея-идеалдарын көтөрүп алып жүргөн Түгөлбай, Чыңгыз баштаган профессионал адабиятыбыз – тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз, табылгыс педагогикалык курал. Бир боор адабиятыбыз менен искусствобуз – менталитет түзүүчү кудуретке эгедер феномен.

Ошондой эле, акылман Бакай, Калыгул олуя, ЫсыкКөлдүн жети акеси сыяктуу калк даанышмандарынын осуяттары, кыргыздын макал-лакаптарындагы кеменгер, гениалдуу, таамай акыл кенчтери – таалим-тарбиянын алтын кору.

Д) Калайык-калктын адеп-ахлак маданияты – муундарда улуттук иденттүүлүктү жаратуунун уюткусу жана рухий-адептик базасы

Элдик этикада меймандостук, калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, «таш менен урганды аш менен урган» айкөлдүк, жоомарттык топуктуулук, сабырдуулук, кечиримдүүлүк, боорукерлик, мекенчилдик, интернационализм ж.б. асыл сапаттар ар дайым даңазаланып, адамдык жүрүм-турумдун чен-өлчөмү болуп келген. Тарыхтын узак жолун баскан элибиз өсүп жаткан муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык гуманистик дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Кыргыз элинин адеп-ыймандык адамкерчиликтүү улуу эрежелери, улуттук гана эмес, өзүнүн жалпы адамзаттык мүнөзү менен да айырмаланарын баса белгилөөгө тийишпис. Калкыбыздын көөнөрбөс адеп-ахлах асыл баа байлыгы – тарбиянын соолгус мүрөк суусу.

Е)  Табият – тарбия ачкычы

Кыргыз жеринин сулуулугу, Ала-Тоонун ажайып жаратылышы, табият керемети, касиеттери, ата-бабалардын табият даанышмандыгы – тарбиянын мазмундук кору.

  1. Акыл-эсинде илим, инновациялык технологиялар, жан дүйнөсүндө Манастын, Курманжан датканын,

Искак Разаковдун, мекенчил адеп-ахлагы отурган муундар – мекенибиздин келечеги же тыянак ой

Акырында  жыйынтыктан айтканда, элдик коломтобуздагы жогоруда саналган гүлазык баалуулуктарыбыз: тарыхыбыз, материалдык жана каада-салт мурастарыбыз, эне-тил кенчибиз, адабиятыбыз менен маданиятыбыз, этикалык нарк-дөөлөттөрүбүз жана элдик философиялык байлыктарыбыз жарандардын патриоттук наркын, улутмандык касиетин, алардын улуттук-этникалык иденттүүлүгүн жаратуучу улуу көрөңгө. Бул ресурстар улутубуздун жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тиреги, таянар тоосу, мактанычы жана сыймыгы болуп бере турган өйдөкүдөй атуул-жарандын мекенчил моделин реалдуулукка айландыруунун базалык кенчи. Ушул этноресурстук зор потенциал эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү сактоонун, бекемдөөнүн, чыңдоонун,  өстүрүп-өнүктүрүүнүн улуттук генералдык идеясынын кубаттуу куралы. Бул курал мамлекет тарабынан тарбия ишине туруктуу түрдө, системалуу мүнөздө толугу менен мобилизацияланышы зарыл. Мамлекеттик Гимнибизде «бизге жеткен ата салтын, мурасын, ыйык сактап урпактарга берели» деп айтылат эмеспи.

Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган улуттук баалулуктарга негизделген тарбия стратегиясы жана программасы, бул багытта изден тайбай жүргүзүлгөн ишмердик, педагогикалык саясат республикабызга жайылып жаткан улутсуз космополитизм, тарыхый тамырларга карата нигилизм, маңкурттук, «көзкаманчылык», рухсуздук ооруларынын кесепеттеринен, чет өлкөлүк миссиялар сээп жаткан «вирустардан» калкыбызды, муундарыбызды кор гогон, сактаган патриоттук ишенимдүү калкан болмокчу.

Бир сөз менен айтканда, глобалдашуунун шартында биз өзүбүздүн жогоркудай мазмундагы улуттук – культурологиялык концепциябызды, тарбия стратегиябызды бекем кармануу аркылуу гана өз алдынчалыгыбызды сактап кала алабыз. Эгерде биздин окуу жана тарбия системабыз образдуу айтканда, акыл-эсинде дүйнөлүк илим-билим, дүйнөлүк технология, экономикалык инновация орун алган, ал эми дилинде, жан-дүйнөсүндө болсо Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Жаңыл мырзанын, Курманжан датканын, Исках Разаковдун гуманисттик-патриоттук, адептик-ыймандык нарктары отурган муундарды тарбиялап жетилтип турса, атуулдарыбыз  өзүнүн бир боор кыртышына тамырын терең житирип турган дарак сындуу тарбияланган болсо, кеңири жалпылап кыска айтканда, эгер улуттук маданияттын түркүгү жергебизде бекем орнотулган болсо, анда калкыбыз массалык-маданияттын экспансиясына алдырбай, дүйнөлүк интеграциянын, глобалдашуунун ассимиляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук  берип, улут катары өзүнүн тарыхый менталитетин сактап, жалпы адамзат көчүнө татыктуу кошула алмак.

(Бул стратегия Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде жактырылган – 2018-жыл).

БЕШИНЧИ  БӨЛҮМ

МЕТОДИКА

УЛУТТУК РУХАНИЙ-АДЕПТИК НАРКТАРДЫ МУУНДАРДЫН, ЖАРАНДАРДЫН ЖАН

ДҮЙНӨСҮНӨ ЖЕТКИРҮҮНҮН МЕТОДИКАСЫ

Жогоруда баяндалып, кыска-нуска талдалып, чечмеленип берилген улутубуздун уңгулуу нарктарын муундардын, жарандардын жан дүйнөсүнө жеткирүүнүн жолу кандай? Бир негизги жол бар. Ал тарбия жолу.

Таалим-тарбиянын жүрүшүндө адеп-ахлак нарктарынын, баалуулуктарынын, баланын, инсандын жан дүйнөсүнө кирип, орун-очок алышы үч этапты басып өтөт.

Биринчи этап – бул адеп-ахлак эрежесинин адамга маалымат түрүндө жетиши. Бул этапта инсан мындай же тигиндей адеп баалуулугу, эреже нормасы бар экенин маалымат түрүндө билет. Бирок билип алуу али чыныгы билим эмес. Маалыматтык деңгээл жетишсиз. Нравалык баалуулукту өздөштүрүү маалыматтык биринчи этаптан экинчи этапка өтүш керек.

Экинчи этап – бул тарбиялануучунун өзүнүн ойлонуусу, толгонуусу, изденүүсү, талдоосу-талкуусу аркылуу адептик нарктын, эреже-жобонун түшүнүлүп, аңдалыптуюлуп, анын ички ынанымына, ишенимине айланышы, башкача айтканда, нравалык баалуулуктун чындыгына, коомдук зарылдыгына инсандын ишенип, өзүнүн менчик ынанымына айландырышы.

Үчүнчү этап муну менен мүнөздөлөт. Ошол ички ишенимге айланган адеп-ахлак нормасы тарбиялануучунун инсандык позициясына өсүп чыгып, жүрөгүнүн каалоосу болуп калат да, анан ал андан ары барып, кишинин реалдуу жүрүм-турумун аныктаган ички мотивге айланат ишеним жүрүм-турумга өтөт. Демек, нравалык чындыктын адамдын жан дүйнөсүнө жетиши маалыматишеним-нравалык жүрүм-турум деген үч тепкичти басып өтөт. Ушуну эске түйүп туруп, төмөнкүгө көңүл буралы.

Таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көңүлүнүн чордонунда турушу зарыл. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу феномен-тарбия механизми аркылуу гана коом – коом катары  сакталып турат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт.  Тарбия системасы дегенди көздөп отурган максаттын, андан улам алдыга коюлган милдеттердин, ал максат-милдеттерди жүзөгө ашырууга омок, база болуп бере турган тиешелүү мазмундун, ошол мазмунду инсандын жан-дүйнөсүнө терең сиңирүүгө жөндөмдүү таалим-тарбия методдорунун жана формаларынын өз ара ич жактан логикалуу байланышкан бирдиктүү тутумун түшүнүү зарыл. Демек, тарбия процесси деген бул – негизинде коом тарабынан, ар тарабынан ойлонулган, алдын-ала пландалган, атайын максат көздөп ырааттуу уюштурулган, башкарылып жөнгө салынып турган, өтүшү, жүрүшү жана берип жаткан натыйжалары көзөмөлгө алынып турууга тийиш болгон, өзүнө комплекстүү мамилени талап кылган олуттуу көрүнүш. Тагыраак айтканда, тарбиялоо-бул коомдун мүдөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша адамдын адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу боюнча  максатка багытталган, планченемдүү иш. «Мамлекет өз жарандарынын рух адамдары болуп калыптанышына камкордук көрүүгө милдеттүү. Руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому»   (И.П. Подласый, Педагогика, 28-б. )  «Бала деген ушундай, колундагы кушундай, таптаганга жараша түшүм берет кызылдай, тарбияңа жараша, уулуң болот замана» (Нурмолдо).

Кээ бир тарбиячы мугалимдердин: «Балдарга жакшы жүрүм-турум жөнүндө какшап эле акылыбызды айтып жатабыз, кулактарына куюп жатабыз, ошого карабай эле жаман жоруктарды жасап жатышат», – дешип басма сөзгө жазган учурлары бар. Ушуга байланыштуу мобуну айтууга туура келет. Тарбиячылар көп учурда балдардын аң-сезимин агартсак, мындайча айтканда, адеп-ахлак нормалары боюнча маалыматты камсыз кылсак эле жетиштүү деп ойлошот. Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун «Сыртынан карасаң адам маалыматтуу, койкоё кийинип, галстук тагынган, тышынан маданияттуу, мораль маселелеринен лекция да окуп жиберет, кынтык таппайсың. Бирок ал ичинен коррупционер, кабинетинде отуруп пара алат. Эмне үчүн? Анткени анда ыйман жок»,– деп айткан ою бар. Айталы дегенибиз, өспүрүмдү адеп-ахлак эреженормалары боюнча маалыматтуу кылуу аны адептүү, абийирдүү, уяттуу, ыймандуу кылып салуу деген сөз эмес. Адеп-ахлак жол-жоболорун маалымат түрүндө аң-сезимге жеткирүү бул – биринчи гана тепкич. Иш андан ары тереңдеш керек. Адеп-ахлак жөнүндөгү билим ички ишенимге, инсандык позицияга айланышы зарыл. Моралдык билим маалыматтын деңгээлинен биринчи этаптан ары тереңдеп, кишинин жан-жүрөгүнө, эмоционалдык-психологиялык дүйнөсүнө өтүп, тилинен барып, дилине сиңип, анын ынанымы экинчи этап болуп калышы лаазым. Ошондой болгондо инсандын сөзү менен иши, айткан ою менен жасаган жосуну бир чыгат. Дастан Сарыгулов айткан жогорудагы адамдын сырты жалтырак ичи калтырак болуп атканы, мугалимдер жазгандай, этикалык эрежелерди билип туруп балдардын жаман жосунга барып атканы эмнеликтен? Анткени мораль деген нерсе кургак билим, маалымат түрүндө тилдин учунда гана жашап, ишеним, ынаным түрүндө алардын кан-жанына сиңбегендигинде болуп отурат. Демек, адептик тарбиянын спецификасы башка. Адеп-ахлак деген жаттап алган эрежелердин жыйындысы катары тил учунда турганда эмес, жүрөктө, жан дүйнөдө сезим менен жуурулушуп жашаганда гана ал адеп-ахлак боло алат. Ал эми адеп-ахлак жоболорунун жүрөккө, жан-дилге тамырлаган ички ишенимге айланышы эч убакта автоматтык түрдө болбойт. Бул татаал руханий изденүүлөрдүн жолун баса турган процесс. Мына ошон үчүн орус ойчулу Д. И. Писарев төмөндөгүдөй деп жазып отурат: «Даяр ишеним деген жок, аны жакшы көргөн таанышыңдан сурап алууга, же китеп дүкөнүнөн сатып алууга болбойт. Ишенимди жеке акыл жүгүртүүңдүн, ой-толгоолоруңдун процесси менен, өзүңдүн жеке башың, мээң менен иштеп чыгышың керек». Бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнгөн акыл тетирисинче кишиге тушоо болоорун элдик педагогика да бизге макалдатып айтып турат. «Киши акылы кишен менен тушоо, өз акылың өзүң менен тамыр» – дейт эл акылмандыгы. Демек, элдик педагогика өзүңдүн өзөгүңө сиңип, тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат.

Адеп-ахлак баалуулугу жаш адамдын өзөгүнө сиңип, тамырлаш үчүн эмне кылуу керек?

Баланын, окуучунун жекече инсандык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнү туу туткан бүгүнкү педагогикалык ой жүгүртүү бизге мындай дейт: Тартууланып, сунулуп жаткан рухий-адептик, нарктарды талдабастан, «чайнабастан», жетеленип, ээрчип, «бүкүлү» жута берген пендени тарбиялоодон кескин баш тартуу керек. Эгер тарбиячы болсоң, баланын өзү жасай турган нерсесин сен өзүң жасап бербе. Тарбия процессин жаш адамдын мээсин кыймылдата тургандай, акыл-эсин чукурантып ойгото тургандай, ички рухий потенциалын козгой тургандай кылып уюштур. Чындыкты, жаңы нравалык билимди, тарбиялануучунун өзү кызыгып издей тургандай болсун. Окутуу – тарбия процессинде, өспүрүм адамда биринчи иретте, коюлган маселеге чыгармачылык, сынчыл, аналитикалык мамиле кылуу көнүмүшү калыптанышы абдан зарыл. Бала  өз түшүнүктөрү менен ишенимдерин өзүнүн жекече акыл жүгүртүүлөрүнүн жана ой толгоолорунун процесси менен түзүп чыксын, маселени өз аракети менен чечсин. Албетте, тарбиячынын багыттоочу көмөгү менен. Бул үчүн жаш адам проблемага, карама-каршылыкка, ойлордун түйшүгүнө кабылгандай кылып, тарбия процессин методикалык ыкчылык, усулдук айлакерлик менен кызыктуу түзүү кажет. Тарбия сабакты учурунда издөөгө, изилдөөчүлүк ишмердикке стимул түзүлүп, бир эле маселеде ар түрдүү көз караштар, позициялар кагылышып, альтернативалык чечимдер изделип, аргументтер салыштырылып талдалып, божомолдор текшерилип, мунун аркасында жаш адам класстан кандайдыр бир жаңырып, өзгөрүп, түйшөлүп чыгышы керек. Мындай натыйжага жетиш үчүн тарбия процессинин дискуссия, талаш-тартыш, семинар, диалог, окуу оюну, иликтөө-изилдөө формасы жана башка инновациялык ыкма-амалдар, интерактивдүү түрдө уюштурулушу талапка ылайык келет.

Кылымдап өнүгүп келаткан педагогика өзүнүн казынасына далайлаган түркүн методикалык «курал-шаймандарды» топтоду. Аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдар, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, доклад, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, оюн, сынчыл ойлом, тематикалык суроо-жооп кечелери, тегерек үстөл, конкурс, көргөзмө, класстык саат, экскурсия, ийримдер, мамлекеттик майрамдар жана даталуу күндөргө байланышкан иш-чаралар, окурмандар конференциясы, тарбия кызыкчылыгын аркалаган жумалыктар, фестивалдар, декадалар жана башка толгон-токой усулдар, методикалык ыкмалар, каражаттар, формалар бүгүн педагог-тарбиячылардын карамагында. Ошондой эле поэзияны, ар кандай притчаларды, тамсилдерди, накыл сөздөрдү, ичине маанилүү турмуштук сабактарды камтыган икаяларды пайдалануу да тарбия практикасында түшүм берип келе жатат. Педагогиканын ушундай усулдук казынасынан ким эмнени алып, кайсыга колдонот, кайсы методикалык амалды кандай конкреттүү кырдаалга кантип чыгармачылык менен пайдаланат, тигил же бул ыкманы кантип айласын таап иштетип, көздөгөн натыйжаны алат, өзү тарабынан кандай табылгаларын кошумчалайт, – муну тарбиячымугалимдин өзүнүн чеберчилиги билет.

Кыскасы, таалим-тарбия ишинде өйдө жакта саналган методикалык арсеналды баланын нравалык чындыктарга өзүнүн индивидуалдуу ишмердиги жана өздүк тажрыйбасы аркылуу ынанышына сүрөө болгудай ыкчылдык менен иштете билишибиз керек. Мындай жолдун зарылдыгын жана жемиштүүлүгүн балдардын өздөрү да далилдеп отурушат. Бишкектин №77-мектебинде өспүрүмдөр арасындагы терс жорук-жосундар жөнүндө «зордук зомбулук көргөндөрдүн театры» аттуу сахна оюну окуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен уюштурулган. 11-класстын окуучусу Качкынбеков Максат «Кутбилим» газетасына (1-ноябрь, 2008) минтип жазат: «Аты эле айтып тургандай, мында окуучулар өздөрү жасаган ар кандай терс көрүнүштөрдү чагылдырдык. Менин оюмча бала өзүнүн кылыкжоруктарын сырт жактан көрсө, кайсы жери туура эмес экендигин, кайсы каталарды кайталабаш керек экендигин даана сезет экен». Дагы бир окуучунун пикирине көңүл буралы: «Бектур агайдын сабагы бири-бирине эч окшобочу, күндө ар кандай өзгөрүү, күндө ар кандай изденүү. Бир сабагы конкурс түрүндө болуп, мелдешке катышсак, бир сабагы театрлаштырылып, анда актёр болобуз, дагы бир сабагы конференция түрүндө уюштурулуп, биз докладчыбыз, айтор ар бир сабакта ар башка адамсың, биринде мээрман эне же ата, экинчисинде мугалим, үчүнчүсүндө журналист, төртүнчүсүндө акын же жазуучубуз». (Талас районундагы Арал орто мектебинин окуучусу Жийдегүлдүн анкеталык жообунан) Мектеп окуучуларынын бул сөздөрү дагы бир жолу айталы, тарбия процессин бала маселени өзү ойлонуп талдагыдай, толгонуп изденгидей, өз пикирин, ынаным-ишенимин өзү түзгүдөй кылып уюштуруу методикасынын артыкчылыгын дагы бир жолу даана тастыктап турат.

Ал эми мугалимге тарбиялануучунун мээсин кыймылдатыш үчүн байыркы Сократтын педагогикалык мурасы жакшы жардамга келер эле. Сократ эч убакта шакирттерине, адамдарга акыл айтып, мораль окуган эмес, өз чындыгын таңуулап, маңдайындагынын аны дароо макул деп кабыл алып, эске сактап калуусун талап кылбаган. Ал чын ниеттен чыккан маекти талаш-тартышты, диалогду тарбиянын эң мыкты жолу деп эсептеген. Сократ мугалим, насаатчы деген ролду унутуп таштап, окуучусунун, шакиртинин катарына келип туруп, аны менен маселени бирге талкуулап, чындыкты бергелешип чогуу-чаран издеген. Сократтын аналитикалык маектеринде, диалогдорунда окутуучу менен шакирт тең укуктуу атаандаштын ролун аткарышат. Ал өзүнүн суроолору менен маектешин баш мээсин кыймылдатууга аргасыз кылат.

Сократ өзү да ойлонгон, өзгөнү да ойлонткон, өзү да шектенген, башкаларды да шектенүүгө түрткөн. Ал айтылган ар бир ойду, түшүнүктү үңүлүп текшерүүнү жана далилдей билүүнү окуучусунан, маектешинен талап кылган. Мына ушундай ыкма-амал чындыкты, билимди даяр түрүндө эмес, талкуулоо, ой жүгүртүү, издөө аркылуу алууга, табууга мүмкүнчүлүк берген.

Чындыкты ой жүгүртүп, өз акылы менен издөө маселеси жагынан кыргыздын элдик педагогикасынын казынасынан да эң сонун нускоолорду өрнөк катары алууга болот… «Билимдүүнүн түнү – күн», «Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич», «Кылыч курал эмес, акыл курал», «Чаап айтканча, таап айт» – дейт калк даанышмандыгы. Ушул макалдардын түп маанисин жакшылап байкасак, чын билимдүү адам чындыкты кишиге уруп, чаап, кылыч менен зордоп таңуулабайт, тескерисинче, баланын дүйнөсүн күн сыяктуу жарык кылып, акыл дегенди ыгын таап, мөл булактын суусу сыяктуу ичирип, боюна сиңирет. Кыргыз ичиндеги акындардын, кыз-жигиттин айтыштары, чечендердин алым-сабак жарыштары жогорудагы Сократтын диалогдорун элестетип кетет. Мисалы, айтылуу «Талым кыз менен Көбөктүн айтышынан» бир үзүндүгө көңүл буруп көрөлү.

Талым кыз: – Жер сиңип кеткен жети атаң, Ал эмне Көбөк чоң?

Жерди жемире баскан чал буура, Ал эмне Көбөк чоң? Желини сүттүү куу инген, Ал эмне Көбөк чоң?

Жез буйлалуу нар тайлак. Ал эмне Көбөк чоң? Оргочордон от күйөт, Ал эмне Көбөк чоң? Ысык-Көлдөн ит үрөт, Ал эмне Көбөк чоң? Жаң бүткөндүн баарынан, Каргыш алган ким болот? Түйүлгөндүн түйүнүн, Чечип турган ким болот? Сөөгүңдү ысытып,

Эзип турган ким болот?

Көбөк: – Жер сиңип кеткен жети атаң – Жети атабыз эмеспи!

Жерди жемире баскан чал буура –

Түп атабыз эмеспи! Желини сүттүү куу инген – Өз энебиз эмеспи!

Жез буйлалуу нар тайлак – Карындашым эмеспи!

Оргочордон от күйсө –

Эки көзүң жайнаган,

Ысык-Көлдөн ит үрсө, Бака болот чардаган.

Жан бүткөндүн баарынан, Каргыш алган карышкыр. Түйүлгөдүн түйүнүн, Чечип турган чечендер. Сөөгүңдү ысытып,

Эзип турган бала дейт.

Караңыз, бу сөз таймашындагы Талым кыздын чукулунан берген суроолору Көбөктү ошо замат баш катырып, чагылгандай тездик менен ойлонууга, жооп издөөдө чукугандай тапкыч, билгич болууга, бүткүл ички рухий күч-кубатын мобилизациялоого аргасыз кылып жатат. Айтыш  – бул инсандын ой жүгүртүүсүн жогорку даражада активдештире турган, ой-пикирди чегине жеткизе чыңалтып, курчута турган диалог, акыл-эс эрөөлү, интеллектуалдык турнир.

Кыскасы, инсанда өз алдынча ойлонуу, чындыкты чырылдап издөөнү тарбиялоодо элдик акылмандык колдонгон мындай таасирдүү форманын өрнөгүнөн жана Сократтын жогорудагы диалог, маек аркылуу шакирттин аң-сезимин машыктыруу өнөрүнөн эмне үчүн биз бүгүн таалим алууга тийиш эмеспиз? Эмне үчүн Талым кыз Көбөктү тердетип ойлондургандай, Сократ маектешин козгоп толгондургандай биз дагы жаш адамды ойлонто, толгонто албайт экенбиз?

Бул жерде мугалим – тарбиячы балага кенендик кылып, марттык, айкөлдүк менен мамиле жасап, ар бир өспүрүмдүн өзүнчөлүгүн, кайталангыс уникалдуулугун кыраакылык менен туюнуп, иш кылышы шарт. Тарбиячы баланын бир жагынан рухий атасы, энеси, экинчи жагынан рухий досу. Ал ат таптаган саяпкер, куш таптаган мүнүшкөр, кийик аттырган жандоочу сыяктуу. Ал кээ бир балдарды «мээң жок», «жөндөмүң жок, башың иштебейт» деп басынтып тилдебейт. Анын ишениминде табиятынан жөндөмсүз бала жок. Анын көзү көрөгөч, кулагы жер тыңшаар Маамыттыкындай уганаак. Чобур аттын турушунан чоң тулпардын сынын көрөт. Баланын дүйнөсүнө жата калып үңүлүп, ал жактан өсө элек чөптүн шуудурун, уча элек канаттын күүсүн уга билет. «Жерде жаткан жумуртка, асмандап учкан куш болор», «Жаман атты жакшы бакса, тулпар болот, жаман куштун табын тапса, шумкар болот», деген элдик философия анын педагогикалык позициясы. Баланын маселени түшүнбөгөндүгүнөн же үстүртөн кайпыган билиминен өзүнүн тарбиячылык жаңылыштыгын көрөт. Ал «акыркы чындыктарды» Сократ сыяктуу бала менен бирге издейт, тарбиялык сабакта акыркы чекитти бала менен бирге коёт.

Философ Декарт мындай деген улуу ойду айткан экен: «Мен шектенип жатам, демек, ойлонуп жатам, а эгер мен ойлонуп жатсам, демек, жашап жатканым ошол». Мунун сыңарындай, эгер жаш адам тарбиячынын көмөгү менен класста шектенип, ойлонуп, чындыкты издеп жатса, анда анын жашап жатканы ошол.

Тарбия деген алтын уядан турмуш фактыларынын, дүйнөнүн «ичеги-кардын» сыдырып, «тогуз катын» аңтарып талдоо, анализдөө көнүмүшүнө айланган, өз алдынча ой жүгүртүүгө көнүккөн, өзүнүн индивидуалдуу нравалык ишенимдерине эгедер, өзүн-өзү башкарган билимдүү, улуттук нарктарды рухуна сиңирген жаш шумкарлар учуп чыгууга тийиш. Ушундай инсандык өз алдынчалыгы өнүккөн мекенчил тукумдарга бүгүнкү эгемендүү Ата журтубуз муктаж.

Жогоруда айтылган методика, тарбия ыкмалары, мектеп тарбиячысына гана эмес, ата-энеге да, ЖОЖдордун окутуучуларына да, дегеле бардык тарбиячыларга багыттоочу нуска.

Кыскартуулардын тизмеси:

Мамкызмат жана ЖОБ боюнча агенттик – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
ККА – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган – Кыргызстан калкы ассамблеясы
ЖОЖ – жогорку окуу жайлар
ДИМК – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
МО – мамлекеттик органдар
КМДБ – Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы
КБА – Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргызпатент – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги
Кыргызфильм – «Төлөмүш Океев атындагы улуттук

«Кыргызфильм» киностудиясы

ММСЖСМ – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
БИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ФМ – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭКМ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЮМ – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
УИА – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

 

МТТСУК – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясат боюнча улуттук комиссия
УТРК – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
ЖОБО – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
«Бешинчи канал» – «Бешинчи канал» ЖАК
ЭлТР – Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы
«Пирамида» – «Медиахолдинг «Пирамида» ЖЧК

 

СУЛАЙМАН  РЫСБАЕВ

КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРЫ

ЖАНА НАРКТУУ ТҮШҮНҮКТӨРҮ

(Кыргыздын улуттук нарктуу таберик түшүнүктөрүн  баалаган жаштар жана жалпы эле жарандар үчүн)

БИРИНЧИ  БӨЛҮМ

САЛТ, НАРК, КААДА, ҮРП-АДАТ жана  ЫРЫМ-ЖЫРЫМ ТҮШҮНҮКТӨРҮ ТУУРАЛУУ

Ата салты деген эмне, нарк деген эмне, каада жана үрп-адат деген эмне? Албетте, булардын баары биздин күндөлүк турмушубузда эзелтеден бери жашап келет, жашап келген жана да жашай бермекчи. Анткени түптүү элибиз бар, элдик салттарыбыз бар, нарктарыбыз, каада жана үрп-адаттарыбыз бар жана алар элибизден калбайт, элибиз менен бирге жашайт. Алар элибиздин жан дүйнөсүнөн бекем орун алган жана менталдык дүйнөбүздү түзүп да, менталдык дүйнөбүздү аныктап да турат.

Менталдык дүйнөбүздү ээлеген бул асыл мурастарыбыздын ар бири өз-өзүнчө түшүнүктөрдү камтыйт жана ар биринин өзүнүн эреже-көнүмүштөрү, ар биринин мазмунмааниси, өткөрүү тартиби жана жол-жоболору бар. Ошону менен бирге, аларды бири-бирине окшоштурабыз, кээде чаташтырабыз, бирде аларды бири-биринен ажыратып биле бербейбиз. Ошондуктан, алардын ар бирин элибиздин тарыхый тажрыйбасына таянуу менен, атайын ыраатташтырып талдап, тактап көрүүнү жана жаш муундар үчүн түшүнүктүү мүнөздө сыпаттап берүүнү туура көрдүк.

Ал үчүн бул элдик түшүнүктөрүбүз бир катар адабияттарда, сөздүктөрдө кандайча мүнөздөлүп берилгенине саресеп салдык. Адегенде, салт тууралуу кеп кылсак, ал мындайча мүнөздөлгөн экен. Мисалы, «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө»: салт-1. «Коомдук, традициялык көрүнүштөгү, жалпы элдик мүнөзгө ээ, каада, традиция (адат-тартип)» жана 2. «Белгилүү бир нерсенин жөнү, эрежеси» (КТТС, 2-к.372-б) деп берилсе, К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө», салт түшүнүгү: «адат, үрп-адат, каада салт, (адат, көндүм)» деп түшүндүрүлгөн. Ал эми, нарк түшүнүгү мындайча мүнөздөлгөн. Мисалы, Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө: 1. «Салт, жорукжосун, адат, жол-жобо» (КТТС,256-б.) десе, Х.Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздөр» аттуу сөздүгүндө: (ир) «Бедел, каада-салт, жөрөлгө», ал эми К.Юдахиндин сөздүгүндө: «аталардын салты» деп берилген.

Ошондой эле, каада түшүнүгү да чоң мааниге ээ. Ал туурасында да сөздүктөрдө мындай мүнөздөлгөн. Х.Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздөр» сөздүгүндө каада түшүнүгү: салт, жосун, эреже (Карасаев, 128-б.) деп айтылса, Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө: «үрп, адат-салт» (КТТС,630-б.) деп берилген. Ал эми К.Юдахинде: «салт, туруктуу кабыл алынган эреже, церемония, ырым-жырым, жөрөлгө» (308-б.)-делинген.

Үрп-адат тууралуу да мына мындай сыпаттоолорду окууга болот. «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө»: «Көпчүлүк эл үчүн өнөкөт болуп калган каада салт, традиция, жүрүш-туруш тартиби .Укумдан тукумга өтүп келаткан адат, салт» (КТТС, 605-б.) деп берилсе, Х.Карасаевдин аталган сөздүгүндө:

«Өнөкөт (ир), салт, жосун, жөрөлгө» (Карасаев, 17-б.), ал эми К.Юдахинде болсо:

«Салт, адат, традиция, кадимки эреже, кадимки эрежелердин нормаларынын жыйындысы» (К. Юдахин, 22-б.), «Эл тарабынан кабыл алынган салттардын жыйындысы» (Юдахин, 325-б.) деп жазылып турат. Байкалып тургандай, баарынын аныктамасы дээрлик бирдей, мүнөздөрү да окшош болуп, чаташтырылып, аралашып калгандай байкалат.

Ырым-жырым тууралуу да, ушундай эле ар түркүн пикирлерди окууга болот. Мисалы: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө ырым-жырымдар туурасында «ар кандай салт, ишеним, үрп-адат» (КТТС, 749-б.), делинсе, К.Юдахинде: «Ишенимдердин жыйындысы» (Юдахин, 439-б) деп берилген. Мында да, бирдиктүү айкын сыпаттама жок сыяктуу.

Мына ушундай. Жогоруда айтылган мүнөздөмөлөрдөн улам, чынында эле, салт, нарк, каада жана үрп-адаттар тууралуу бирин-биринен айырмалап мүнөздөгөн бирдиктүү бир так пикир жок экендигин баамдоого болот. Ошондон улам, салт деген эмне, нарк деген эмне, каада деген эмне, үрп-адат деген эмне? дегендей, биринен бирин айырмалап көрсөткөн так сыпаттама жоктугунан, жалпы эле элибизде бул түшүнүктөргө ушуга чейин маани берилбей келгендиги таң калтырат. Ошол себептен, элибиздин тажрыйбаларын байкап-иликтеп көрүп, бирдиктүү бир мүнөздөмө берип, ырааттуулукка салып чыгууга туура келери көрүнүп турат.

Чындыгында, салттар элдик менталитеттин башатында турат жана анын негизги уюткусу болуп саналат. Демек, салт – «жалпы элдик мүнөздөгү» менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат. Тактап айтканда, салт нарктуу жоболор менен ишке ашат, ал нарктар өз алдынча каадалар түрүндө жүрөт, а каадалар адатка айланган көрүнүштөр менен коштолот, анын жүрүшүндө ырым-жырымдар сөзсүз аткарылат.

Кылымдардан бери жашап келаткан ата салттарыбыз кайсылар? Мисалы:

  • Үйлөнүү тою,
  • Бешик той;– Тушоо тою;
  • Сүннөт той;
  • Куда күтүү, куда тосуу;
  • Кыз узатуу;
  • Үй той (Там той, үй көтөрүү тою);
  • Маараке тойлор (анын ичинде, мүчөл той)
  • Келинге сөйкө салуу;
  • Тойдо жар чакыруу;
  • «Жарамазан» айтуу;– «Сүмөлөк» кайнатуу;
  • Аш берүү ж.б.

Салт эмне үчүн «система» катары мүнөздөлөт? Анткени:

  • салт нарктуу түрдө карманылат, сакталат, өзгөрүлбөйт, жоголбойт, демек, салтты колдонууда нарктарга таянылат, наркта жок салт болбойт;
  • салтта түрдүү элдик каадалар эске алынат, карманылат;
  • салтта түрдүү адаттар колдонулат, адаттар эл тарабынан жактырылса, сакталып калат, терс адаттар четке кагылып, унутулат;
  • салтта түрдүү ырым-жырымдар эске алынат, ырым-жырымсыз салт өткөрүлбөйт, бата тиленет, баталар берилет, ырымдап түрдүү ырасми иш-чаралар өткөрүлөт;
  • салттын көркүн жакшы нарктар, каадалар, жакшы адаттар, ырым-жырымдар чыгарат;
  • салтты терс каадалар менен терс адаттар бузат.

Тактап айтканда, салттардын маанисин, өткөрүү эрежелерин, максаттарын ойлонуп көрсөк, баары эле эл ичинде бекем сакталып келген нарктарсыз жүрбөйт, т.а салттардын ар бири элдик нарктар менен ишке ашат, наркка таянылбаган салт жалпы элдик же улуттук мүнөзгө ээ болбойт. Ал нарк элдик бекем эрежелер түрүндө болуп, ал эрежелер канча мезгил өтсө да өзгөртүлбөйт. (Жаңы салттар чыгышы мүмкүн, бирок калыптанган салттар дээрлик өзгөрбөйт, Республикабыздын айрым региондорундагы бир аз айырмачылыктарды эске албаганда) Нарк жана нарктуулук, нарктарды сактоо булар: элдик мыйзамдар, элдик конституция, элдик принциптер, адеп-ахлактык элдик кодекстер болуп саналат. Анткени эл үчүн, улут үчүн, анын ар бир жараны үчүн наркттардан өткөн улуу мыйзам болбойт. Аларды кармануу улуттун ар бир атуулу үчүн милдет. Ал нарктарды «элдик улуу кодекстер» (же «элдик протоколдор») деп атаса да болот. Демек ал «элдик кодекстер» («элдик протокол») эч качан өзгөрбөйт жана салттар ошол «кодекске» жараша («элдик протоколдор») ишке ашырылат. Нарк-ал улутка тиешелүү ар бир жарандын билүүсү тийиш болгон ар-намыс, ардактуу парыз жана өз улутунун өзгөчөлүктөрүн, анын бүтүндүгүн, иденттүүлүгүн билгизип, ал эрежелерди билүү жана аны сыйлоо мүнөзүн берет. Наркты билбеген адамды «наркы жок», «нарк билбеген билимсиз наадан» деп айыпташкан элибиз.

Демек, нарк дегенде төмөндөгүлөрдү түшүнөбүз:

  • эл турмушунда узак мезгилдер бою калыптанган;
  • жалпы элдик мүнөзгө ээ;
  • элдин турмушуна бекемделген, кан-жанына сиңген;
  • улуттук аң-сезимди аныктап, аны түздөн-түз чагылдырып туруучу;
  • улуттук өзгөчөлүктү камтып жана аны бекемдеп туруучу;
  • эл турмушунда туруктуу колдонулган жана аткарылган, туруктуу мүнөзгө ээ болгон;
  • жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ылайыкталып өзгөрүүсүз сакталган;
  • муундан-муунга өткөн;
  • элдик үлгүгө айланган;
  • өрнөктүү жүрүм-турумга, баалуу инсандык сапатка мисал болгон;
  • элдик жашоо эрежеси катары колдонулган;
  • улам жаңы прогрессивдүү улуттук мүнөздөгү түшүнүктөр менен толукталып отурган жалпы улуттук мүнөздөгү менталдык эрежелер жана жалпы улуттук менталдык мыйзам. Бул мыйзамдын ар бир беренеси улуттук кодекс болуп саналат. Ошол себептүү, элибиз ал түшүнүктөрдү «асыл нарктарыбыз» деп ыйык тутат.

АСЫЛ НАРКТАРЫБЫЗ КАЙСЫЛАР?

Кылымдар бою улуттун «рухий түркүктөрү» болуп келаткан асыл нарктарыбыз булар:

  • Адамдык ариетти бекем тутуу;
  • Улуттук ар-намысты сактоо;
  • Улуттук салттарды, каадаларды, үрп-адаттарды сактоо;
  • Ата-Мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу;
  • Эл-журт алдындагы атуулдук парзды аткаруу;
  • Мекендин жашыруун сырларын сактоо жана душманга дилин бербөө;
  • Туулуп-өскөн жерин таштап кетпөө;
  • Жети атаны билүү;
  • Ата-энени сүйүү жана урматтоо;
  • Туугандын турпагы алтын деп, аларды урматтоо;
  • Баш кийимди кастарлоо;
  • Комузду урматтоо;
  • Абийирдүү болуу;
  • Нанды улук тутуу;
  • Ата намысын, эне адебин сактоо;
  • Карыянын бата берүүсү;
  • Улууга салам айтуу;
  • Төркүнгө келген кызды урматтоо;
  • Эне тилин коргоо, эне тилинде сүйлөө;
  • Табиятты коргоо;
  • Улуттук кийимдерди кастарлоо;
  • Улуттук тамак-аштарды жасай билүү;
  • Динин, дилин башкага алмашпоо;
  • Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо;
  • Ак никени бузбоо;
  • Көпчүлүк менен бирге болуу, элден бөлүнбөө;
  • Кечиримдүү болуу, кек сактабоо;
  • Меймандос болуу;
  • Башка элдер менен достук мамиледе болуу;
  • Арбакты сыйлоо, көзү өткөндөргө куран түшүрүү…, ж.б.

Элибизде дагы бир сөз бар, ал – «нарк-насил» деген ыйык сөз. «Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен гана улутубуз сакталып келет» деп айтабыз. Насил деген эмне? Насил – «түп, тек, түпкү тек» деген маанини билдирет. Андай болсо, «нарк-насил» деп кош сөз түрүндө айтканыбыздын жөнү бар экен. Ал «түпкү нарктарыбыз», «аталардын наркы», «аталардан келаткан нарктар» деген принциптүү жоболорду эске салат тура.

Нарктар өз алдынча, бир жактуу түрдө жашабайт. Ал каадалар менен коштолот жана шөкөттөлөт. Каадалар улуттун эң жогорку этикалык нормалары, ал жашоо процессинде, эл ичинде, иш-аракеттердин жүрүшүндө көрүнөт, ал иштин жүрүшүн жана аны ишке ашышын мүнөздөөчү көрүнүш. Аткарылуучу ички эрежелердин системасы мына ошол каадаларды түзүп турат. Каада нарктуу аткарылып жаткан иштердин көркүн чыгарат, каада анын аткарылышы эмес, аткаруунун ырасмысы, сыпаты, аткаруунун себеби, же себептүү натыйжа, же кандайдыр бир себептерден улам аткарылуучу иш-аракет, нарктуу ишти аткаруунун мүнөзү, алардын бузулбас эрежелери. Кааданын аткарылышы нарктарды орундуу, ыктуу колдонууну жана аны билүүнү, ал тургай, адамдардын билүү даражасын, турмуштук билиминин, тажрыйбасынын деңгээлин түшүндүрөт.

ЭЛДИК КААДАЛАРЫБЫЗ

Төмөндө аталардан калган каадаларды эстейли:

  • карыялык кааданы тутуу – демек, карыя өзүн сөөлөттүү алып жүрүүсү;
  • байбичелик каада демек, байбиче эне адебин сактап, сынын бузбай, адеп башында туруусу;
  • ата-энелик наркты сактоо, уул-кызынын алдында ата-энелик милдеттерин аткаруу, аларга жакшы тарбия берүү;
  • карыялык ак бата берүү – демек, карыя кичүүлөргө бата берүүсү тийиш;
  • кудалык наркты сактоо, куда түшүп баруу – келин алганда жол-жобосун жасоо милдет;
  • кыз оюн куруу – калыңсыз болсо да, каадасын жасоо – милдет;
  • жеңе менен коштошуу – кыздын башка бүлөгө кетип жатып, эң жакын жеңеси менен коштошуусу ылазым;
  • балага ат коюу, сыйлуу адамга ат койдуруу – албетте, балага жөн эле ат коё салбайт, сыйлуу, урматтаган адамга ырымдап ат койдурган;
  • баланы көргөндө көрүндүк берүү – жаңы төрөлгөн наристени жөн эле көрүп коюу менен чектелбеген, ырымын жасаган;
  • жээн табак кармоо – жээн келгенче жети бөрү келсин дегендей, жээн эркелеп, таекесинин тоюнда жээн табак кармоосун билдирген, бирок анын жолун жасаган;
  • таекелик каада – «таеке – пир», «эр тайын тартат» деген сөз бар, андыктан, таеке жээни үйүнө биринчи келгенде тай энчилеген;
  • конок каадасы – албетте, жайлоочулук шартында конокко үй ээси жатар орун даярдаганча, эшик эликке чыгып турган;
  • куда табак тартуу, уча тартуу – тойлордо куданы артыкча сыйлоо максатында уча табак өзүнчө болгон;
  • улууга озунуп салам айтуу – элибиздеги улууларды сыйлоону, урматтоону билдирет, ал кичипейилдикти түшүндүрөт;
  • достошуу – бул каада эң чоң каада, анткени баланын келечегин каалаган ата-эне баласы жакшы адам менен достукта жүрүүсүн каалаган, ошондуктан достоштурууда ат мингизип, чепкен жаап урматтаган;
  • антташуу – антташуунун да каадалары көп болгон, ал каадалар анттын бекемдигин билдирген;
  • нике кыюу – бул дагы бир катар ырасмылары менен аткарылган, жол-жоболору сөзсүз аткарылган;
  • бала төрөлгөндө сүйүнчүлөө жана сүйүнчү берүү – сүйүнчүлөө бул, мыйзамдуу бала төрөлгөнүн элге жарыялоо болгон, сүйүнчүлөбөө – демек, баланын төрөлүшү мыйзамсыз сыяктуу сезилген, а сүйүнчүлөгөндө анын сүйүнүчүн бөлүшүү, ырымдап бир нерсе берүү – нарктуулук болгон;
  • жуучулукка баруу – кудалардын алгачкы тааныштыгын ишке ашырган, «куда болгончо, кул-бийиңди сураш, куда болгон соң, кул да болсо сыйлаш» деген ошондон;
  • жаш келин келгенде көшөгө тартуу – албетте, бул келин келгендеги ага жасалган алгачкы урмат-сый, болбосо, жайдак жерге отургуза салуу – ыксыз жорук, уялып-тартынып турган жаш келинди тоо шартында көшөгө тартып киргизүү – ылайыктуу иш болгон;
  • келинди отко киргизүү – тоо шартында оттук чагып от тутантуу, боз үйдө от кармоо байыркы кезден эле кыйын болгон, ошондуктан жаңы куралган үйгө от берүү – турмуштук эстафета сыяктуу эле; андай шартта жаңы келген келин уялбай келип турсун, жаңы үй ээси өзүнчө түтүн булатсын деп, очогуна от берген, ал иш-чара дагы өз ырасмысы менен аткарылып, кийин кадимки турмуштук каадага айланган;
  • кыздын төркүлөп келүүсү – тоолуу шартта жашаялмет үй-бүлө (жаңы үйлөнгөн) шартында ата-энесине барып, кыз саан, кээде минги сураган, бул учурда ата-энеси кызынын сураганын берүү – чоң нарктуулукка жаткан; (төркүнгө келген кыз үйдүн эң сыйлуу, түндүктөн нур түшкөн жерге отургузулган, «төркүн» сөзү ошондон келип чыккан);
  • балага энчи берүү – баланы үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө түтүн булатып бөлүүдө энчи сөзсүз берилген;
  • жар-жар айтуу – уулду үйлөнтүп, кызды турмушка узатууда – жар-жар айтуу – акыл-насаат айтуу мүнөзүндө өзүнчө каада болгон;
  • устуканды аксакалдатып тартуу – бул каада дагы элибизде туруктуу аткарылат, анткени сыйлуу тамак алдыга келгенде ар ким эле табакка кол салып иретсиз каалаганын алып жеп кириши туура эмес, осол иш, ошондуктан, адегенде аксакал адамдын ооз тийүүсү, андан соң устукандарды аксакалдатып тартуу – мыйзамдуу;
  • адам көзү өткөндө жакынына угузуу – бул дагы элибиздин көңүлүндө аяр сакталган каада, анткени жакынынын көзү өтсө, аны жөн эле одоно айтып койгон эмес, жумшартып, көңүл оорубаган мүнөздө билдирген (эвфемизм);
  • маркумга үн чыгаруу, куран окутуу – көзү өткөн жакын адамы үчүн кайгыруудан, аны о дүйнө азабынан сакта деп Кудайга жалынуудан улам ыйлоо, үн чыгаруу, ал үчүн куран окуу – албетте, чоң гумандуулук … ж.б.

Адам болгон соң, төмөндөгүдөй терс каадалар да кездешет, алар: кекирейүү, менменсинүү, текеберчилик, төрөпейилдик ж.б. Кызмат адамдары, мансап күткөн кээ бир адамдар ушундай терс каадаларды күтүп алышат. Буларды элибиз «Каадаланып калыптыр, каада күтүп калыптыр, каада билбеген каадасыз» деп айыпташкан.

Эмесе, ушул сөзүбүзгө ылайык, жогоруда айтылгандарды дагы да толуктап, элдик каадалардын айрымдарынан мисалга тарталык.

КАРЫЯЛЫК КААДАЛАР:

  • элдик салттарды билүүсү;
  • элдик нарктарды билүүсү;
  • сөөлөтүн бузбай жүрүүсү;
  • дөөлөтүн кармануусу;– нарктуу кийинүүсү;
  • нарктуу сөз сүйлөөсү;
  • акыйкат болуусу;
  • калыс кеп айтуусу;
  • элди бөлүп-жарбоосу;
  • салабатын бузбай жүрүүсү;
  • таарынышкандарды табыштыруусу;
  • үлгү көрсөтүүсү;
  • бата берүүсү;
  • нарктуу жол-жоболорду жасоосу;
  • улуттук кийимдерин кийинүүсү;
  • кичүүгө устукан берүүсү;
  • кичүүнү алкоосу;
  • устуканын көтөрүп кетпөөсү;
  • бирөөнү каарып сүйлөбөө;
  • бирөөнү каргап сүйлөбөө;– жегенинен түп калтыруу;
  • ичкилик ичип, уят болбоосу;
  • дөөлөтүнө манчыркабоо;
  • кагынып-силкинип мамиле жасабоо;
  • жаштарга насаат кеп сүйлөө;
  • залкарлыгы;
  • акылмандыгы;
  • элдик билимдерди билүүсү;
  • жаш-курагына жараша кийинүүсү, ж.б.

БАЙБИЧЕЛИК КААДАЛАР:

  • элдик салттарды билүүсү;
  • элдик нарктарды билүүсү;
  • сөөлөтүн бузбай жүрүүсү;
  • дөөлөтүн сактоосу;– сынын сактоосу;
  • набаттуу сүйлөөсү;
  • улутунун кийимин кийинүүсү;
  • келиндерге нарктуу кеп айтуусу;
  • келиндерге улутунун өнөрлөрүн үйрөтүүсү;
  • кичүүлөргө кешик арттыруусу;
  • жаштарга насаат айтуусу;
  • бата берүүсү;
  • калжың-кулжуң сүйлөбөөсү;– кичүүлөргө устукан берүүсү;
  • кичүүлөргө түп калтыруусу;
  • келиндерге турмуштук үлгү көрсөтүүсү;
  • токтоолугу;
  • залкарлыгы;
  • элдик билимдерди билүүсү;
  • жаш-курагына жараша кийинүүсү, ж.б.

МЫРЗАЛЫК КААДАЛАР:

  • нарктуулугу;
  • салабаттуулугу;
  • токтоолугу;
  • сыпайылыгы;
  • сабырдуулугу;
  • айкөлдүгү;
  • кечиримдүүлүгү;
  • улуттук кийимдерди кийүүсү;
  • абройлуу болуусу;
  • марттыгы;
  • колу ачыктыгы;
  • кең пейилдиги;
  • ар дайым калыс кеп айтуусу;
  • акыйкаттыгы;
  • ар-намыстуулугу;
  • белдүүлүк;
  • топуктуулук;– туруктуулук;
  • наалыбоо;
  • сөз көтөрө билүүсү;
  • сөзгө жыгылуу;
  • сөзгө туруусу;
  • элди бөлбөөсү, ж.б.

ЖИГИТ КААДАЛАРЫ:

  • ата-тегин билүүсү;
  • намыстуу болуусу;
  • улутун урматтоосу;
  • улуттук тилин урматтоосу;
  • улуттук кийим кийүүсү;
  • чынчылдыгы;
  • чечкиндүүлүгү;
  • уяттуулугу;
  • улууларды урматтоосу;
  • кичүүлөрдү сыйлоосу;
  • саламын калтырбоосу;
  • убадага бекемдиги;
  • элпектиги;
  • сергек болуусу;
  • чыдамдуулугу;
  • кол билгилиги;
  • билимге умтулуусу;
  • өнөрпоздугу;
  • шайдоот жүрүүсү;
  • сөзгө жыгылуусу;
  • сөздү сыйлоосу;
  • достукка бекем болуусу;
  • элге кызмат кылуусу;
  • кыздарды сыйлоосу, урматтоосу, ж.б.

КЕЛИН КААДАЛАРЫ:

  • улуу-кичүүдөн ийменүүсү;
  • кайын журтуна урмат-сый көрсөтүүсү;
  • жүгүнүүсү (шартка жараша);
  • тергөөсү (шартка жараша, же көзүнчө атын айтпоосу);
  • ашыкча сөз сүйлөбөөсү;
  • эрте туруп, үйүн таза күтүүсү;
  • айттырбай үй жумушун аткаруусу;
  • өмүрлүк жарын урматтоосу;
  • жарашыктуу жүрүүсү;
  • ак жоолугун башынан түшүрбөөсү;
  • элдик нарктарды билүүсү жана аны кармануусу;
  • ата-журтуна кайын журту тууралуу жаман сөз айтпоосу, «жакшысын чыгарып, жаманын жашыруусу»; – кайын сиңдисине үлгү болуусу; – уяттуулугу, ж.б.

КЫЗ КААДАЛАРЫ:

  • тазалыгы;
  • адептүү жүрүм-туруму;
  • адептүү сүйлөөсү;
  • адептүү мамилеси;
  • намыстуулугу;
  • уяттуулугу;
  • улуттук кийимдерди кийүүсү;
  • тартиптүүлүгү;
  • өнөр үйрөнүүсү;
  • эне тилин таза билүүсү;
  • өз сөзүнө бекем туруусу;
  • өз акылынын өзүндө болуусу;– ар ким айткан сөздү ээрчий бербөөсү;
  • өз оюна, сөзүнө туруктуу болуусу, ж.б.

КОНОК КААДАЛАРЫ:

  • үйгө салам айтып, таазим этип кирүүсү;
  • келген үйдүн шартына көнүүсү;
  • сыпайы болуусу;
  • ыксыз сүйлөбөөсү;
  • үйдүн намысына шек келтирбөөсү;
  • өзүнүн жаман сапаттарын көргөзбөөсү;
  • берген тамагына ыраазы болуусу;
  • келген үйгө көз артпоосу;
  • үй ээсине басынтып мамиле кылбоосу;
  • өзүн мактабоосу, мактанбоосу;
  • башка бирөөлөрдү жамандабоосу;
  • бир нерсени бүлүндүрбөөсү;
  • ушактап кетпөөсү;
  • ыраазы болуп кетүүсү;
  • үй ээсине ыраазылык билдирип кетүүсү.

ЭЛДИК ҮРП-АДАТТАР

Үрп-адаттар кылымдар бою кайталанып адат болуп калган туруктуу мүнөздөгү иш-аракеттер, күндөлүк жүрүм-турум этикасы, эрежелер. Анын өзгөчөлүгү дал мына ушундай, туруктуулугунда, милдеттүүлүгүндө. Үрп-адаттар улуттун ар бир мүчөсү үчүн бирдей милдеттүү жана анын иденттүүлүгүн белгилөөчү да менталдык мүнөз. Анткени ар бир нарк да, каада дагы мына ошол адатка айланган көрүнүштө кайталанып отуруп, дайыма жана туруктуу аткарылуучу милдет-парыз катары бекемделип келген. Үрп-адат мына ошонун турмушта бекемделиши, алардын адатка айланышы. Ал адаттар оң жана терс да болушу табигый көрүнүш. Демек элдик үрп-адаттар күндөлүк турмуш-шартка ылайык өткөрүлүүчү эрежелер экенине көңүл бурсак болот:

  • жаңы төрөлгөн баланы оозантуу;
  • көчкөндөргө «көч көрктүү болсун!» деп айтуу;
  • көчтүн жолун тосуп, ак ооз тийгизүү;
  • конуш чалуу;
  • өрүлүктөө;
  • кудага аркан тосуу;
  • келинди тергөөсү;
  • келин жүгүнтүү;
  • баланын кыркын чыгаруу;
  • жаңы төл ооз тийгизүү;
  • ширге жыяр ичүү;
  • ажырашар аяк берүү;
  • улуу кишинин балага устукан берүүсү;
  • мал сойгондо бата кылуу;
  • мал сойгондо «кол кесер» алуу;
  • мергенчиден «шыралга» суроо;
  • дыйкандан «кепсен» алуу;
  • баланын мүчөлүн чыгаруу;
  • маркумдун үчүлүк, жетилик, кыркылык (элүү күндүк – республикабыздын айрым аймактарында) куран окутуусун өткөрүү;
  • маркумдун сөөгүн жуушуу;
  • аялдын карасын алуу;
  • эң жакын адамы маркумду жайына коюусу…

Ошону менен бирге, терс адаттар: кошоматчылык, уурулук, ушакчылык, саткынчылык, жалганчылык, антты бузуу, каралоо ж.б. болуп саналат.

Кээде каадалар аткарылбай калышы мүмкүн, кааданы билбегендер аны аткарбай коюусу мүмкүн, кээде өзгөргөн түрдө да аткарылышы ыктымал, албетте, бул туура эмес. А үрп-адаттар, көпчүлүк учурда, аткарылбай калбайт, анткени алар элдин күндөлүк турмуш-шарттарына жакындыгы жана ошонун өзүнө алынгандыгы менен айырмаланат. Ошон үчүн да каада жана үрп-адаттар аркылуу да улуттун иденттүүлүгүн баамдоого болот.

Адаттар да эл ичинде көптөгөн жылдар бою туруктуу калыптанып кала бериши, элдин аң-сезиминде, жашоотурмушунда бекемделип жашай бериши толук ыктымал. Алардын айрымдары ошол мезгил ичинде нарк катары да калыптанып калышы мүмкүн. Албетте, ал үчүн нечен сыноолор, нечен кырдаал-жагдайлар керектелиши да ыктымал. Жогоруда айтылгандай, адаттар оң жана терс адаттар болушу табигый көрүнүш. Мына ошондой адаттардын бир нечесин азыр мисалга тартып окуп көрөлү:

БАЛАГА БАЙЛАНЫШТУУ ҮРП-АДАТТАР:

  • жарык көргөн наристени сары май менен оозантуу;
  • наристени сүйүнчүлөө;
  • сүйүнчү берүү;
  • сүйүнчү доолап алуу (терс адат);
  • балага көрүндүк берүү;
  • балага көрүндүк доолап алуу (терс адат);
  • баланы сүннөткө отургузуу;
  • баланын мүчөлүн чыгаруу;
  • баланын туулган күнүн өткөрүү, ж.б.

БАЛАГА БАЙЛАНЫШТУУ СОЦИАЛДЫК ТЕРС АДАТТАР:

  • баланы бакчага берүүдө тааныш издөө (терс адат);
  • баланы бакчага берүүдө пара талап кылуу (терс адат);– баланы мектепке берүүдө тааныш издөө (терс адат);
  • баланы мектепке берүүдө пара талап кылуу (терс адат);
  • балага ата-энесинин статусуна жараша мамиле жасоо (терс адат), ж.б.

КЕЛИН АЛУУДАГЫ ҮРП-АДАТТАР:

  • кыз менен баланы тааныштыруу;
  • кыз ала качуу (терс адат);
  • жоолук салуу;
  • жоолук салынган соң, отуруп калуу (терс адат);
  • келинге көшөгө тартуу;
  • эненин акысын берүү; (тапкан акы, баккан акы, көз акы, сүт акы);
  • жеңе той берүү;
  • келин келгенде сүйүнчүлөө;
  • келин келгенде сүйүнчү доолап алуу (терс адат);
  • келинге көрүндүк берүү;
  • келинге көрүндүк доолап алуу (терс адат);
  • келиндин төшөгүн текшерүү (терс адат);
  • кызды кубалап баруу (жагдайга жараша);
  • келинди жүгүнтүү;
  • отко киргизүү;
  • күйөө баланы көргөзүп, көрүндүк алуу;
  • күйөө баланы көргөзүп, көрүндүк доолап алуу (терс адат);
  • күйөө баланы сыноо;
  • келинди сыноо;
  • энчи берүү;
  • келиндин күн сайын жүгүнүүсүн талап кылуу (терс адат);
  • келиндин тергөөсүн талап кылуу (терс адат);
  • кызды төркүлөтүү;
  • «бел куда» болуу (терс адат);
  • «бешик куда» болуу (терс адат), ж.б.

КУДА ТОСУУДАГЫ ЖАНА КУДАГА БАРУУДАГЫ ЭЛДИК АДАТТАР:

  • жуучулукка баруу;
  • калың бычуу (терс адат);
  • ачуу басарга баруу;
  • таттуу кудага баруу;
  • түштөндүрүү (терс адат);
  • аркан тосуу (терс адат);
  • «койчулук» доолап алуу (терс адат);
  • «уйчулук» доолап алуу (терс адат);
  • «жылкычылык» доолап алуу (терс адат);
  • уча тартуу;
  • «уча табак» тартуу (терс адат);
  • «хан куда» катары сыйлоо;
  • «кул куда» катары басынтуу (терс адат);
  • кийит кийгизүү (терс адат);
  • кийитке таарынуу (терс адат);
  • түштөндүрүү (терс адат);
  • «маасы чечүү» (терс адат);
  • «кемпир өлдү» (терс адат);
  • «соксойтмо» ичирүү (терс адат);
  • «жарк этме» ичирүү (терс адат);– «жатар аяк» ичирүү (терс адат);
  • «узатар аяк» ичирүү (терс адат);
  • «иттен» чыгаруу (терс адат);– «суу кечирүү» (терс адат); – «бел ашыруу» (терс адат), ж.б.

Элдик жана учурдагы шартка жараша кызматтыксоциалдык адаттардын да болушун турмуш көрсөтүүдө. Ошондуктан, аларды кызматтык-социалдык адаттар деп атап, өзүнчө бөлүп көрсөтүүнү ылайык көрдү. Төмөндө ошолордун бир катарын мисалга тарталы:

КЫЗМАТТЫК-СОЦИАЛДЫК ТЕРС АДАТТАР:

  • кызматка кирүүдө тааныш издөө (терс адат);
  • жердешчиликке жараша кызматка алуу (терс адат);
  • тааныш менен кызматка кирүү (терс адат)
  • кызматка кирүүдө пара берүү (терс адат);
  • кызматка кирүүдө пара талап кылуу (терс адат);
  • кызматтык куугунтуктоо (терс адат);
  • жемкордук кылуу (терс адат);
  • арам акчаны адалдоо (терс адат);
  • бирөөнүн аманатын жеп коюу (терс адат);
  • бирөөнүн акысын жеп коюу (терс адат);
  • жалган жалаа коюу (терс адат);
  • жалган атакка умтулуу (терс адат);
  • сыйлыкты сатып алуу (терс адат);
  • эмгексиз сыйлык алуу (терс адат);
  • эмгексиз кызматтан көтөрүлүү (терс адат);
  • бирөөгө көз артуу (терс адат);
  • бирөөгө ичин тарытуу (терс адат);
  • бирөөнүн ийгилигин көрө албоо (терс адат);
  • бирөөнү «жаманаттуу» кылуу (терс адат);
  • бирөөнүн жалган мактоо (терс адат);
  • иштеги тууганчылдык (терс адат);
  • иштеги жердешчилдик (терс адат);
  • жаатка бөлүнүү (терс адат);
  • иштеги гендердик бөлүнүү (терс адат);
  • иштеги диний бөлүнүүчүлүк (терс адат);
  • иштеги кошоматчылык (терс адат);
  • кызмат абалынан пайдалануу (терс адат);
  • иште пайда көздөө (терс адат);
  • «өз көмөчүнө күл тартуу» (терс адат);
  • кошоматчылык (терс адат);
  • бирөөгө бирөөнү көкүтүү (терс адат);
  • жагынуучулук (терс адат);
  • өч алуу (терс адат);
  • сексуалдык ыдык көрсөтүү (терс адат), ж.б.

МАМИЛЕДЕГИ ОҢ-ТЕРС АДАТТАР:

  • адамдын статусуна жараша мамиле жасоо (терс адат);
  • текебердик кылуу (терс адат);
  • көрө албастык кылуу (терс адат);
  • кошоматтык кылуу (терс адат)
  • ушактоо (терс адат);
  • «оозбасырык» берүү (терс адат);
  • кызгануу (терс адат);
  • сатып кетүү (терс адат);
  • кош көңүлдүк кылуу (терс адат)
  • колдоо;
  • жардам берүү;
  • жалган айтуу (терс адат);
  • куттуктоо (ар кандай шарттагы куттуктоолор);
  • «майлап берүү (терс адат);
  • таарынуу (терс адат);
  • өч алуу (терс адат);
  • кек куу (терс адат);
  • урушуу (терс адат);
  • кечирим суроосун талап кылуу (терс адат);
  • кектенүү (терс адат);
  • санжыра айтуу;
  • урук сүрүштүрүү;
  • бирөөнүн уругун кемсинтүү (терс адат);– бирөөгө баалуу нерсе тартуу кылуу; – сый көрсөтүү, ж.б.….

Эми, кыргыз тойлорундагы айрым оң-терс жагдайларды да эске салып кетели. Бул ойду айтууга учурдагы кыргыз тойлорундагы элдик мүнөздү бузган айрым көрүнүштөрдөн улам, аларды өз алдынча бердик. Мисалы:

ТОЙ-ТОРОПОДОГУ ОҢ-ТЕРС АДАТТАР:

  • мактанып той берүү (терс адат);
  • той алдындагы кеңешүү;
  • той ээсине кошумча кошуу;
  • туугандык ыража берүү;
  • конок алуу;
  • улуттук спорт оюндарын эрежеси менен өткөрүү;
  • байге саюу;
  • даекчи дайындоо;
  • байгени майлоо (терс адат);
  • күлүктүн куйругун майлоо (терс адат);
  • мара менен баттага каршы чыгып чыр чыгаруу (терс адат);
  • уткандан соогат суроо (терс адат)
  • «кудага уча тартуу;
  • «таеке табак» тартуу;
  • «жээн табак кармоо»
  • «байбиче табак» кармоо;
  • устуканга таарынуу (терс адат);
  • устукан талашуу (терс адат);
  • тойго келип таарынып кетүү (терс адат);
  • тойдон терс жүрүм-турумун көрсөтүү (терс адат), ж.б.

АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ТОЙЛОРУНДАГЫ ТЕРС АДАТТАР:

  • байлыгына манчыркап, мактануу үчүн той берүү;
  • атаандашып той берүү;
  • намыстанып той берүү;
  • кредит алып той берүү;
  • ысырап кылып той берүү;
  • элге бергенин чогултуп алайын деп той берүү;
  • үй тоюн кафе-ресторандарда берүү;
  • тойдо карды тойсо да, көзү тойбой жеп-ичүү;
  • жегенинен калганын көтөрүп кетүү;
  • улуулардын жаштарга устукан бербей калуусу;
  • эркек адамдын (жигиттердин, мырзалардын, карыялардын, кызмат адамдарынын) кафе-ресторандардан баштык көтөрүп чыгышы;
  • акчага жалдап ырчы чакыруу, ырчылардын «ставка» коюп келиши, «жансыз үнү менен элди алдап акча алуусу;
  • тойго келгендердин бири-бирин кайталап маңызсыз жарыша сөз сүйлөөсү;
  • сүйлөгөнү, ырдаганы үчүн той ээсинен белек үмүт кылуу;
  • байгелерге сапатсыз баш кийимдерди курулай белек кылуу;
  • кайнене-күйөө бала, кайната-келиндердин кыйшаңдап бийлеп турушу;
  • тойлордун нарксыз «шоуга» айланышы;
  • тойдо уятсыз, маанисиз, нарксыз оюндардын ойнолушу;
  • устуканга таарынып кетүү;
  • тойдун аягында тамаданын нарксыз бата бериши, ж.б.

Ырым-жырымдар – булар,  элдик  жөрөлгөлөр,  алартоолук  кыргыздын канына диний ишенимдери менен бирге орноп, айрым мистикалык түшүнүктөр менен коштолуп, күндөлүк турмушунда бекемделген. Салттуу иш-аракеттерде, каадаларда, адаттарда бул көрүнүш да кадыресе көнүмүш катары сакталып калган. Эмесе, ошол элдик ырым-жырымдардан мисал келтирели, алсак:

  • түлөө өткөрүү;
  • туулган жердин топурагын түйүп кетүү;
  • башынан суу айлантып чачуу;
  • өпкө чабуу;
  • канат чабуу;
  • балага жаңы кийим кийгизгенде ырымдоо;
  • жаш келинге ак жоолук салуу;
  • бала корккондо «апаптоо»;
  • таңкы ырыскыны таштабоо;
  • жолго чыгаарда тамакты таштабоо;
  • ооруган адамдын абалын эртең менен суроо;
  • арча түтөтүү;
  • үйгө же мазарга шам жагуу;
  • киринелөө;– тишти дарымдоо; – музоону кылоолоо….

Деги эле, ырым-жырымдар баланын өмүрүнүн биринчи күндөрүнөн эле башталган. Анткени тоолук калк үчүн баланы ден соолугу чың кылып багуу, ар кандай нерседен оолак кармап, тынч-аман чоңойтуу кыйла кыйынчылыктар менен коштолгону шексиз Ошондуктан, балдарга байланыштуу ырым-жырымдар өтө көп болгону байкалат. Эмесе, ошолорду айта кетели.

БАЛАГА БАЙЛАНЫШТУУ АДАТТАР ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР:

  • сыйлуу адамга ат койдуруу;
  • кыркын чыгаруу;
  • кырк кашык сууга жуунтуу;
  • чачын алдыруу (сыйлуу адамга же таекеге чачын алдыруу);
  • тырмагын алдыруу (сыйлуу адамга же таекеге тырмак алдыруу);
  • өнөрлүү адамды оозуна түкүртүү;
  • өнөрлүү адамдын бармагын тиштетүү;
  • сыйлуу адамдын түбүн ичирүү;
  • сыйлуу адамдын батасын алуу;
  • бала жыгылса, жерге түкүртүү;
  • бала жыгылса, жерди үч тептирүү;
  • баланы аластоо;
  • баланы балта менен ырымдоо;
  • ысытылган темир менен сескендирүү;
  • баланы итке «сук-суктоо»…
  • баланы «ап-аптоо»;
  • киринелөө;
  • көз мончок тагуу;
  • тумар тагуу;
  • баланын тушоосун кесүү; ж.б.

БАЛАНЫ БЕШИККЕ САЛУУДАГЫ АДАТТАР ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР:

  • бешикти арча менен аластоо (арча оору-сыркоону жолотпосун»);
  • баланы арча бешикке салуу («арчадай узун өмүрлүү болсун»);
  • баланы кадырлуу, сыйлуу байбичеге бөлөтүү (умай энедей нарктуу эне катары);
  • баланы бешикке бөлөө учурунда оозуна боорсок тиштеп алуу «бала ыйлаак болбосун»);
  • эркек баланы бөлөөдө чүкөнү «оң-оң» деп ырымдоо («бала бат эле торолуп, чүкө ойноп кетсин»);
  • бешикти балта менен ырымдоо («бала балтадай бекем болсун»);
  • бешикти бычак менен ырымдоо (бала бычактай курч болсун»)
  • бешикке кап жабуу (куржун жабуу, «балага каптай уйку берсин»);
  • бешикке жылаажын коңгуроо тагуу («баланын үнү коңгуроодой жагымдуу болсун»);
  • бала бөлөнгөн бешикти көтөрүп, келинди үч ирет жүгүнүүсү;
  • байбичелерден бата алуусу;
  • баланы эмизгенде бешикке өбөктөп жатпоо;– «алдей-алдей» ырын ырдап бешик тереметүү; – бешикти буту менен терметпөө, ж.б.

БАЛАНЫН ТУШООСУН КЕСҮҮДӨГҮ АДАТТАР ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР:

  • ала жипти чыйратып, тилек айтуу;
  • баланын бутун ала жип менен тушап байлоо;
  • тестиер балдарды жарыштырып, алдыга чыгып келген балага жипти кестирүү;
  • байгеге тай сайуу, кымбат баалуу буюмдарды сайып, жигиттерди, келиндерди чуркатып, шаан-шөкөт кылуу (терс адат);
  • ала жипти кескен бычакты байгеге кошуп берүү;
  • алдыга чыгып келген эки балага наристени жетелетүү;
  • наристеге аксакал карыялардан бата тилөө: «наристе баланын тушоосу кесилди, эми турмушунда эч качан «ала жип» учурабасын, «ала жип алдын тоспосун», «жолунан мүдүрүлбөсүн, оомийин!» деп, бата кылуу, ж.б.

Ушулардан улам төмөндөгүдөй жыйынтык пикирге келүүгө болот:

Салт – «жалпы элдик мүнөздөгү» менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.

Нарк жана нарктуулук – булар: элдик мыйзамдар, элдик конституция, адеп-ахлактык элдик кодекстер болуп саналат. Эл үчүн, улут үчүн, анын ар бир жараны үчүн наркттардан өткөн улуу мыйзам болбойт. Аларды кармануу улуттун ар бир атуулу үчүн милдет жана парыз. Ошондуктан, нарк улуттук идеологиялык маселе катары көрүнөт жана анын негизин ээлейт.

Каада – учурга жана заманга жараша өркүндөтүлүп, улам байып турган, салт менен нарктын ишке ашуусунун мүнөзү, кадыресе этикалык норма.

Үрп-адаттар – жакшы жөрөлгөлөр менен улам толукталып туруучу этикалык эрежелер, жорук-жосундар. Адатта, аларды каада-салттарды ишке ашыруу учурунда аткарылуучу күндөлүк турмуштук туруктуу жана милдеттүү көнүмүш иш-аракеттер десек болот. Ошондон улам, үрп-адаттар оң жана терс болуусу мүмкүн, демек ал-оң мүнөздөгү да, терс мүнөздөгү да адаттар болот дегендик.

Аны бирөө жасайт, калганы кайталайт, улантат, ал тургай андан ашырат, ошентип көпчүлүктөн жалпы элдик мүнөзгө өтүп кетет. Ошон үчүн эл ичинде ылайыктуу адаттар бар, ылайыксыз адаттар да бар. Алардын ылайыктуу же ылайыксыз адаттар экенин мезгил сынайт, мезгил өткөн сайын тандалат, айрымдары унутулат, айрымдары жаңырат, айрымдары эл ичинде жашап калат. Жашап калгандары милдеттүү жана туруктуу ишке ашырылып келе берет.

Мисалы, бүгүнкү күндө куда тосууда «түштөндүрүү» деген жосун, адат башталды, башталмак турсун, жалпы элдик мүнөздөгү адатка өтүп баратат. Албетте, ал түбөлүктүү болбойт, анткени «түштөндүрүү» адаты-ысырапкорчукка гана алып барат.

Ушулардан улам жана алардын (салт, нарк, каада, үрп-адаттардын, ырым-жырымдардын ) мүнөзүнүн туруктуулугун далилдүү бериш үчүн дагы бир мындайча анализ жасап көрөлү. Мисалы, кайсы нарктуу көрүнүштөргө жараша кандай каадалар жана үрп-адаттар аткарылат же жасалат?

  1. Мекенди сүйүү, ага ак кызмат кылуу – бул улуу нарк, кыргыз элинин бардык нарктуу иш-аракеттеринин башында турган асыл нарк, насил. Ал эми, Мекенди коргоо үчүн жоокер берген антына бекем туруусу, Мекен чегинде кызмат кылуу («Эр жигит эл четинде, жоо бетинде»), Мекен үчүн канын төгүү, Мекен үчүн жанын берүү («Жатып өлгөнчө, атып өл», «Үйдө өлгөн-жаман ат, жоодон өлгөн салтанат»)…ж.б. Булар жоокер үчүн элдик каадалар.

Ал каадалар эл тарабынан бекемделген, сөзсүз аткарылууга тийиш болгон элдик бүтүмдөр, протоколдор. Аларсыз жогорудагы атуулдук асыл нарктар жүзөгө ашпайт. Ошону менен бирге: жоокердин кол башчыга берилүүсү, кол башчынын тапшырмасын эки кылбай аткаруусу, берилген куралын сактоо, аны башкага бербөө, жоокердик тартипти бекем сактоо, ж.б. иштери-калыптанган жоокердик элдик адаттар.

  1. Меймандостук – элибиздин асыл нарктарынын бири. Ал эми, меймандостукту билдирүүчү кандай нарктуу көрүнүштөр бар? Мисалы: конок күтүү, коноктун атын алуу, конокту үйдүн сыйлуу жерине отургузуу;

Улуттук наркка жараша урмат-сый көргөзүү, конокту атказуу… Мына булар элдик каадалар болуп саналат, т.а. мейман күтүүдө жана тосууда сөзсүз аткарылууга тийиш болгон иш-аракеттердин мүнөзү.

Ошону менен бирге: союш союу, дасторкон жасалгалоо, союлган малдын башын улууга (же жаш адамга ) тартуу, ийилип, оң кол менен чай сунуу, тамактын чүйгүндүүсүн берүү, кетип жатканда куттуу үйдөн куру чыгарбоо… Булар-эл ичинде дайым аткарылып келе турган, калыптанган элдик адаттар.

  1. Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо-бул элдик улуу нарктарыбыздын бири. Ал эми: улууга озунуп салам айтуу, акыбалын сурап, атайын барып учурашып туруу, улууга акаарат кеп айтпоо, кичүүнү кичүү экен деп басынтпоо-ж.б. сыяктуу сапаттар элдик каадалар болуп саналат.

Ошону менен бирге: улууга сыйлуу буюмду тартуу кылуу, улуунун колунан оорду, жеринен жеңилин алып, жардам берүү ж.б. мамилелер – булар калыптанган элдик адаттар болуп эсептелет.

Демек, булар мына ушундай сыпатта элибиздин жашоосунда дамаамат мыйзамдуу түрдө аткарылып келет. Ушунусу менен элибиз өзүнүн элдүүлүгүн жоготпой сактап келатканы жалган эмес. Алар, жогоруда айтылып кеткендей, элибиздин менталдык дүйнөсүн түзүп, идеологиясын түптөп, философиясын аныктап турат. Аны билишибиз жана сыйлашыбыз, көөнөртпөй сакташыбыз керек. Жаман адаттарыбыз болсо арылып, жакшы адаттарыбызды, нарктарыбызды жана каадаларыбызды сактообуз, аларды унутпай улантуубуз – биздин кыргыз ата, кыргыз энебиздин алдындагы ыйык милдетибиз. Ошондой жакшы салттарыбыз, нарктарыбыз, каадаларыбыз жана үрп-адаттарыбыз менен ырым-жырымдарыбыз туруктуу аткарылганда гана элибиз адеп-ахлактуу, маданияттуу жана келечектүү болот деп үмүт кылалы!

 

КЫРГЫЗДЫН АШ-ТОЙЛОРУНДАГЫ НАРКТУУЛУКТАР

Тойдун негизи бата, аштын негизи ариет

Той элден бата алуу үчүн, ал эми, аш адам ариети үчүн өткөрүлөт.

Той, аштар эзелтен эле, эч качан акча каражатына негизденген салт катары эсептелинбейт, алар нарктуу түрдө, элдик каадаларга жана элдик оң адаттарга таянылып, элдик ырым-жырымдар жасалып, адамдардын социалдык абалына жана турмуштук акыбалына жараша өткөн. Атаандашуу, элге көрүнүү, атын же атагын чыгаруу, элге бергенин кайтарып алуу сыяктуу адаттар кийинки кошулган терс адаттар болуп саналат. (Той, аш өткөргөндөрдү экономикалык жактан колдоо үчүн туугандары менен жакын-санаалаштары гана өз ара ыража уюштурушкан).

Тойлор: кичи той, чоң той болуп бөлүнөт.

Той бата алуу үчүн берилген.

Ал салт жана наркка негизденген, каадаларга таянган, оң адаттар аткарылган, ырым-жырымдар менен жүргүзүлгөн.

Тойлор элдик тамашалар коштолуп, шаң менен өткөн. Кичи тойлор:

  • Кыз узатуу;
  • Жээнтек той;
  • Бешик той;
  • Тушоо кой;
  • Сүннөт той;
  • Мүчөл той; Чоң тойлор:
  • Үйлөнүү тою;
  • Куда тосуу;
  • Үй тою;
  • Маараке тойлор;

Кыргыздар эзелтеден тойлорду үйдө өткөргөн жана үйдөн бата алышкан, бата ошол үйдө калат деп ойлошкон.

Бул эң чоң ырым болгон.

Той үч этапта жүргөн:

1) Тойго чейин:

  • эмне үчүн той болорун айтып, аксакалдарды кеңешүүгө чакырышкан;
  • той кандай өтөрүн кеңешишкен;
  • тойдо кандай оюн-тамаша болорун (кемеге байге, аламан башге, көк бөрү, күрөш, кыз куумай, эр эңиш, балбан күрөш, ат чабыш, жөө жарыш, ж.б.) макулдашышкан;
  • оюн-тамашалардын мара менен батта орундарын кеңешишкен;
  • байгенин өлчөмүн кеңешишкен;
  • ат чабылар жерин, узактыгын кеңешишкен;
  • улак чабылар жерин, ыңгайын, байгелерин кеңешишкен;
  • кимдер келерин, каяктан кимдер чакырыларын кеңешишкен;
  • качан жана канча убакытта өтөрүн кеңешишкен (чоң тойлордо);
  • оюн-зооктордун коопсуздугун алдын ала кеңешишкен;
  • тойдо эмне мал союлаарын, ашык-кемин макулдашышкан;
  • чоң тойлордо жарчы ким болорун макулдашышкан. (бул дагы нарк болгон)

2) Тойдун өтүшү.

  • эл тойго «тойго барсаң тоюп бар» деп, тойго тамаша-оюн көрүү үчүн келишкен;
  • тойго ар ким өзүнүн алыш-беришине жараша, мамилесине жана акыбалына жараша келишкен;
  • тойдо ар ким жаман жагы менен көрүнбөскө аракет жасашкан, ким уят иш кылса, ал уруунун эли уятка жыгылган;
  • той аягына чыгарда, эл болду деп эле кетип калышпай, той ээсине бата берип кетүү үчүн атайын тойдун этегин күткөн, анан жалпы дүркүрөтө бата берип, анан таркашкан.

3) Тойдон кийин:

  • аксакалдарды жана жакындарын чакырып, тойдон кешик беришкен;
  • «тоюң тойго улансын» деп бата кылышкан;

(«Кудай бергени ырыскы, сенден ашканы кешик» дешип, ырыс-кешиктүү болуусун тилешкен.) Тоголок Молдонун:

«Тойго келген катындар,

Тойтоңдобой кайтыңдар» деп ырдаганы, же болбосо:

«Тойго барсаң тоюп бар,

Жаман кылыгыңды коюп бар» деген макал бекер айтылган эмес.

Аш: кара аш жана жылдык аш деп өткөн.

Аш негизинен, адамдык ариет жана сооп үчүн өткөрүлгөн.

Мунун баары – салт, алар эч качан акча каражатына негизденген эмес, наркка негизденип өткөн.

Кара аш – деп, маркумду узатуудагы жасалган зыйнат жана ариет эсептелинет, анда:

  • кээде бул «кара аш» маркумдун өзүнүн керээзи менен да өтөт, бул тууралуу элдик дастандарда, уламыштарда, болмуштарда жана санжыраларда айтылып келет;
  • «кара аш» маркумдун кадыр-баркына, даражасына жараша да өткөн;
  • «кара ашка» келер адамдардын санына жараша мал союлган;
  • мындайда ат чаап, маркумдун бул дүйнөгө калтырып кеткен байлыктарынан байгеге сайылган, ал сооп деп эсептелинген;

Маркумду узатууда:

  • адегенде «коркутуп жатат» деп, барып акыбалын сурашкан;
  • көзү өтүп кеткенде, карыялар менен кеңешип, кабар жиберилген;
  • качан, каерге коюларын кеңешишкен;
  • маркумду кантип узатуу ариетин макулдашышкан:

«Карынын кебин капка сакта, сөөгүн апта сакта» дешкен;

  • эмне жана канча мал союлары алыс-жакын туугандары бар-жогуна жараша жүргөн;
  • алыстан келери көп болсо, ошого жараша сөөктү коюу убактысы белгиленген;
  • маркумдун ариетин жасап, кошок айттырган;
  • өкүрүп туруучу балдарды дайындашкан, ал маркумду сыйлоону түшүндүргөн;
  • маркумдун сөөгү үйдөн чыкканча, ал жерде тамаша-күлкүнү катуу тыйышкан;
  • маркумдун бул дүйнөдө эмне иш кылып, кандай жашап өткөнүн айтып эскеришкен;
  • кыргызды жери тоолуу, таштуу болгондугунан дагы, сөөктү коюуу убактысын жок дегенде, бир күнгө убактыны кенен коюшкан;
  • жаназа-дооран окутушкан;
  • маркумду коёрго алып жөнөгөндө шашпай, жай көтөрүп узатып барышкан;
  • маркумду узатуудагы эң баалуу нарк бул, маркумга топурак салуу болгон, ошол топурак салуу үчүн алыстан кыйбас адамдары барган, маркумга топурак салуу – адам ариетин жасоодогу эң улуу нарк болгон;
  • сөөктү жайына коюуда анын эң жакыны шайланган, ал тургай, маркум тирүү кезинде эле ал адамды өзү айтып кеткен;
  • керээз аткаруу маркумдун зыйнатын жасоодогу эң улуу, эң баалуу, эң ыйык парыз болгон, ал эмне деп керээз калтырса, аны аткаруу артында калгандардын ыйык милдети болгон;
  • маркумдун даражасына, элге кылган эмгегине, кадыр-баркына жараша да мамиле жасалган, ошого жараша, эркекке жылкы, аялга уй союлган;
  • кырк күн өткөрүп, «кыркылык», жыл өткөрүп, «аш» беришкен. Булар – жалпы, нарктуу элдик каадалар жана адаттар болгон.

Эл болгон соң, түрдүү адаттар кошулган жана алар дагы элдин канына   сиңип кеткен, мисалы:

  • сөөктү койгончо, алыстан келгендерди урматтап сыйлап, маркум үчүн конок камын көрүшкөн;
  • маркумдун аза күткөн, ачка болгон эң жакындарына «суу жуткуралы» деп, жарма, кымызын апкелип башка үйгө киргизип тамак-аш беришкен;
  • «молдолор таш өткөрөт» деп, атайын бир боз үйдү белгилешип, сыйлашкан;
  • аял киши каза болсо, жыртыш деп, кездеме айрындыларын таратышкан;
  • сөөк койгон соң, маркумдун жакындарына «көңүл айтуу» жайылган, көңүл айтуу адаты өтө терс, жаман адаттар менен коштолуп, өлүк коюлганча эл арак-шарап ичилип, сөөк коюуга жарабай калган, топурак салууга жарабай калган жакындары болгон;
  • бир нече күндөн соң, «азасын» тең бөлүшүп, «азалап» барышкан;
  • сөөк коюлган соң үч күн бою мүрзөгө барып, таң ата электе куран окушкан, ал: «касиеттүү адамдар үч күндүн ичинде сыр көрсөтөт, балким, үч күндүн биринде, мүрзөсүн жарып чыгып, бейишке учуп кетет» дешкен, ал тууралуу көптөгөн уламыштар жана жомокторду чыгарышкан;
  • үч күн же жети күн убакыттын ичинде маркумдун арбагы үйдүн айланасынан алыс кетпейт дешип, «үчүлүгүн», «жетилигин», ал тургай, «кыркылыгын» белгилешкен…
  • «элүү күндүк» өткөрүү деген айрым бир жергиликтүү адаттар болуп саналат.

Жылдык аш – бул элдик салт болуп саналат, ал маркумдун көзү өткөнүнө бир жыл болгондо, соопчулук үчүн өткөрүлгөн, аны эстешкен, эскеришкен, куран окуткан.

Анда да, аш берерде алдын ала, туугандарды, айыл аксакалдарын чакырып, аш ээси кеңеш өткөргөн.

Кээ бир аймактардагы аш үчкө бөлүнүп: кара аш, жылдык куран жана аш деп өзүнчө өткөрүлгөнү да жергиликтүү айырмалуу гана адаттар экендиги талашсыз.

Аштарда да маркумдун абалына жана даражасына жараша мал союлуп, шаан-шөкөттөр өткөрүлгөн, оюнтамашалар жасалган. Кээде, «карынын ашы той» деп коюшкан адаттар да жок эмес.

Бирок ашта, жалпы алганда, көзү өткөн адамды эскерүүгө көңүл бурулуп, аш ээсинин абалы эске алынган.

Кийинки мезгилдерде, ашты да тойго айлантып, маркум өмүрү көрбөгөн сыйды жасап, «Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып», ашыра ысырапкорлукка баруу бул өзүн көрсөтүү үчүн жана атаандашууга барган терс адаттар гана болуп саналат.

УЛУТТУК «НАРКТУУЛУК» ИДЕЯСЫ

НАРК-улуттук мыйзам, элдик конституция, жазылбаган элдик мыйзамдар, адамдын абийирине, ар-намысына, адамдык ариетине негизделген, кылымдар бою калыптанган, улуттун ар бир мүчөсү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, акыл-эстүүлүк менен ар-намыстуулукка таянган элдик эрежелер системасы.

«НАРКТУУЛУК» ЭРЕЖЕЛЕРИНИН БЕЛГИЛЕРИ:

  • адамгерчилик;– абийирдүүлүк;
  • калыстык;
  • уяттуулук;
  • ар-намыстуулук;
  • маданияттуулук;
  • сабырдуулук;
  • салабаттуулук;
  • токтоолук;
  • салттуулук;
  • ички тартип;– тазалык; – элдүүлүк.

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДАГЫ НАРКТУУЛУК:

(Нарктуулуктан Мамлекеттик идеологияга)

  • Нарктуу башкаруу Мамлекет башчысы;
  • Нарктуу аткаруу Өкмөт, аткаруу системасы;
  • Нарктуу көзөмөл ИИМ системасы;
  • Нарктуу тескөө Прокуратура, Улуттук коопсуздук системасы;
  • Нарктуу жазалоо Сот системасы;
  • Нарктуу жетекчилик ишканалардын, мекемелердин жетекчилери.

ЭЛДИК НАРКТУУ ЖАШОО СИСТЕМАСЫ:

(Нарктуулуктан-улуттук идеологияга)

  • Нарктуу саламдашуу, таанышуу;
  • Нарктуу сүйлөө, сүйлөө наркын тутунуу (таза сүйлөө, туура сүйлөө, так сүйлөө, адептүү сүйлөө, орундуу сүйлөө, бай сүйлөө, ырааттуу сүйлөө, көрктүү сүйлөө);
  • Нарктуу жүрүм-турум;
  • Нарктуу өз ара мамиле (нарктуу каршылык, нарктуу атаандаштык, нарктуу тилектештик, нарктуу талап);
  • Нарктуу кийинүү, жаш-куракка жараша кийинүү;
  • Нарктуу тамак-аш;
  • Нарктуу маданият;– Нарктуу той берүү;
  • Нарктуу адамдык ариетти жасоо;
  • Нарктуу ыр жана бий;
  • Нарктуу билимдерди алуу;
  • Нарктуу тарбия;
  • Нарктуу ырым-жырымдарды кармануу;
  • Нарктуу дин тутуу;
  • Нарктуу каадаларды аркалоо;
  • Нарктуу адаттарды тутунуу;
  • Нарктуу дос күтүү;
  • Нарктуу туугандык мамиле;
  • Нарктуу санжыра айтуу;
  • Нарктуу кудалык;
  • Нарктуу үй-бүлө күтүү;
  • Нарктуу жубайлык;
  • Нарктуу кошуналык;
  • Нарктуу майрамдарды майрамдоо;
  • Нарктуу спортту өнүктүрүү;
  • Нарктуу элдик – билимдерди сактоо;
  • Нарктуу ата-энелик;
  • Нарктуу карыялык;
  • Нарктуу байбичелик;
  • Нарктуу мырзалык
  • Нарктуу жигитчилик;– Келин наркы; – Кыз наркы…

 

ЭКИНЧИ  БӨЛҮМ

НАРК ЖАНА НАРКТУУЛУКТАН УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯГА

(Кыргыз нарктары таблицаларда)

№ 1. Дүйнө маданиятынын эволюциясы

Улут кечээ улуттук маданияты сакталып турган мезгил.

Азыркы улуттук маданият глобалдашуунун белгилерин алган маданият.

Улут эртең – деградацияланган маданият.

Адам кечээ улуттук нарктар менен жашаган. Азыркы адам дүйнө маданиятын кошо карманган адам. Эртеңки адам глобалдашкан адам.

Кечээки коом улуттук мамлекеттүүлүк сакталган коом.

Азыркы коом глобалдашууга бараткан коом.

Эртеңки коом глобалдашкан коом.

№ 2. Кыргыз элинин руханий маданиятынын өзөктүү категориялары

Кыргыз эли өзүнүн руханий маданиятын түзгөн, аны бекем карманган, бай наркка, каадаларга, үрп-адаттарга жана ырым-жырымдарына ээ, нарктуу эл. Ал кылымдар бою өз турмушун жашоо мүнөзүнө жана менталитетине жараша өткөрүүнүн мыйзамдарын, эрежелерин иштеп чыккан жана ошол мыйзамдары жана эрежелери менен жашаган.

Ал эреже мыйзамдар булар: нарк-насилдер, салт-санаалар, каадалар, үрп-адаттар, ырым-жырымдар. Элибиздин руханий маданиятын ушул түшүнүктөр түзөт.

№ 3. Кыргыз элинин материалдык маданияты жана нарктуулук

Кыргыз эли байыртадан бери жашоо мүнөзүнө жана шартына жараша улуттук буюмдарынын, жашоо шаймандары менен куралдарынын, үй-буюмдарынын жана куралдарынын, улуттук тамак-ашы менен кийимдеринин уникалдуу системасын жаратышкан жана аны турмушунда кеңири колдонуп жашап келишкен. Алар жашоо-турмушунун бардык шартында жана жагдайында колдонулган.

Материалдык маданиятынын өзү да элибиздин аң сезиминин көчмөн мезгилин чагылдырат жана нарктуу түрдө сакталып келген.

Кыргыз эли байыртадан бери жашоо мүнөзүнө жана шартына жараша улуттук буюмдарынын, жашоо шаймандары менен куралдарынын, үй-буюмдарынын жана куралдарынын, улуттук тамак-ашы менен кийимдеринин уникалдуу системасын жаратышкан жана аны турмушунда кеңири колдонуп жашап келишкен. Алар жашоо-турмушунун бардык шартында жана жагдайында колдонулган.

Материалдык маданиятынын өзү да элибиздин аң сезиминин көчмөн мезгилин чагылдырат жана нарктуу түрдө сакталып келген.

№ 4. Салттын курамы жана анын кыргыз турмушундагы орду

Салт элдин турмуш-тиричилик мыйзамдарынын жана эрежелеринин баарын камтып турган жана бириктирген бирдиктүү система. Салттар наркка, каадага, адаттарга жана ырым-жырымдарга негизденген. Бул «системада» бар түшүнүктөр – «салттуу» жана «салтта бар» деп айтылат.

Мисалы: Тойлор (чоң той, үйлөнүү тою, мараке тойлору; кичи той – бешик той, жентек той, сүннөт той, мүчөл той, үй көтөрүү тою…)

№ 5. Нарк жана анын мааниси менен ролу

НАРК баарынын башаты, ал эл турмушунун жашоо мыйзамдары, улуттук конституциясы, элдик кодекстери. Ал калктын нарктуу жашоосун да, өлкөнү башкаруу наркын да аныктайт (Мисалы: «Падыша нарк менен башкарса, эл уяттуу болот, мыйзам менен башкарса куйту болот», Конфуций).

Нарк улуттун ар бир адамы билүүгө жана аткарууга тийиш болгон элдик кодекстер. Алар улуттун иденттүүлүгүн аныктап турат жана ар бир улут жараны үчүн бирдей мааниге ээ. (Мисалы: Туулган жердин топурагы – алтын, эне тили, ата салты – ыйык деген түшүнүктөр).

№ 6. Каадалар жана анын мааниси

Каадалар – нарктарды, салттарды, үрп-адаттарды жана ырым-жырымдарды күндөлүк жашоо-турмушунда колдонуунун жана аны аткаруунун мүнөзү, аларды билүүсүнүн жана аларга мамилесинин сыпаты (Мисалы: Бешик той, андагы ырым-жырым, жөрөлгөлөр жана бата ).

Каадалар адамдардын турмуштук тажрыйбасына жана жаш-курагына тикеден тике байланыштуу. Карыялык каада, байбичелик каада, мырзалык каада, жигит каадасы, келин каадасы жана уул-кыз каадасы сакталса элдин жашоо-турмушу нарктуу деп мүнөздөлөт.

Мисалы: Карыянын бата берүүсү, мырзанын марттыгы, келиндин ыйманы)

№ 7. Үрп-адаттар күндөлүк жашоонун бузулбас эрежелери

Үрп-адаттар – күндөлүк турмушта бирөө баштап, калганы кайталап, турмушта көнүмүш адат болуп калган туруктуу мүнөздөгү иш-аракеттер, күндөлүк жүрүм-турум этикасы, эрежелери. Адаттарсыз салт да, каада дагы болбойт.

Адаттар адамдардын жүрүм-турумуна бекем киргенден тартып, алардын оң жана терс жүрүм-туруму байкалган. Оң адаттар бааланып, терс адаттар сынга алынган. Адаттар ошондон улам, оң жана терс адат болуп мүнөздөлгөн. Оң адаттар уланат, элге сиңет, эрежеге айланат, терс адаттар четке кагылат, турмушта колдонулуудан чыгат, унутулат.

Адегенде, байыркы доордогу адамдар өз үңкүрүн да башкалардан коргогон, ал сезимдер кийин Ата-Журтун коргоо сезимине, ыйык наркка негиз болгон эмес деп эч ким так айта албайт. Мисалы: тоолук көчмөн турмушта оттук менен от тутанткан шартта жаңы куралган үйгө от берүү адаты – эң улуу, эң ыйык «отко киргизүү» наркына негиз болгон десек болот.

№ 8. Үрп-адаттан-наркка (Менталдык пирамида)

Баарынын башатында улутубуздун үрп-адаттары турат. Адаттар көпчүлүк эл тарабынан кайталанып, уланып отуруп, элдин энчине айланган. Мунун ичинде ырым-жырымдар да бар, алардын да өзүнчө системасы түзүлгөн.

Адаттарды аткаруу ырааттуулукка өткөн да, анын аткарылуу мүнөзү иштелип чыгып, каадалар түзүлгөн. Каадалар мурда адатка айланган коомдук көрүнүштөрдү көркүнө чыгарып, каадалар системасы калыптанган, андан улам күндөлүк жашоонун бузулбай элдик эрежелери калыптанган. Андан улуттук аң сезимдин өзүнчө элдик формалары иштелип чыгып, менталдык эрежелер түзүлгөн жана алар жашоо мыйзамына айланган. Андан нарктар пайда болгон. Баары биригип менталдык системага айланган да, салттар жаралган, ага бириккен. Демек, салт нарктуулук менен өткөрүлөт, каадалар көркүнө чыгарат, үрп-адаттар жасалат, ырым-жырымдар колдонулат.

№ 9. Ырым-жырымдар жана салттуулук

ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРга жөрөлгөлөр, ар кандай ишенимдер, мистикалык сезим-туюмдан улам турмушка бекемделип калган түшүнүктөр кирет.

Ырым-жырымдар дагы салттар менен каадаларда, адаттарда бирге колдонулат, ырым-жырымдарсыз салттар өтпөйт.

Мисалы, наристе балдарга байланыштуу бардык салт, адат жана каадалардын өзөгүн ырым-жырымдар ээлейт, тактап айтканда: балага ат коюудагы ишеним, кыркын чыгаруудагы бата, бешикке салуудагы ырымдар, мүчөл тоюндагы тилек-баталар, ж.б.

№ 10. Менталдык иерархия

Нарк, каадалар, адаттар жана ырым-жырымдар биринбири коштогон түшүнүктөр, алар бирин-бири улантып, толуктап да турат.

Нарк-баарынын башаты, ал – менталдык мыйзам (мисалы: бата берүү – нарктуулук).

Каадалар – нарктуулук мыйзамдарынын турмушта аткарылышынын сыпаты (карыянын бата берүүсү – карыялык каада). Адат күндөлүк турмуштагы менталдык эрежелер, ал эреже аткарылышы керек (м.: карыя бата тилеген жаш адамга бата берүүсү оң адат). Ырымдар нарктуулукту аткаруунун себептери (м.: бала карыядан эмне үчүн бата алат же эмне үчүн карыя жаш балага бата берет?). Салт булардын баарын камтыган жана катышкан менталдык система (м.: тушоо кесүү салтынын максаты – наристе балага карыялардан бата алуу, анда нарк, каада, адат жана ырымдар баары катышат).

№ 11. Нарктуулуктун башаттары жана өбөлгөлөрү

(жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктар)

Мындагы көрсөтүлгөн моралдык-этикалык категориялар албетте, жалпы адамзаттык да, улуттук да мааниге жана мүнөзгө ээ болгон рухий баалуулуктар. Адамдын адамдык сапаттары, айбанаттан айырмасы, ой жүгүртүүсү, жеке сапаттары, жүрүм-турум этикасы, адамга жана чөйрөгө жасаган мамилеси мына ушул ыйык сезимдерден башталган. Ал сезимдерди адамзат да, ар бир улут да, анын өкүлдөрү да туу тутуп жашап келет.

Демек нарктуулук сезимдер мына ушулардан башталган жана алар ар бир элдин улуттук нарктуулуктарынын башаттары, өбөлгөлөрү болгон жана азыр да, келечекте да боло берет.

№ 12. Нарктуулуктун белгилери жана мүнөздөмөлөрү

Нарктуулук – адепки моралдык-этикалык эрежемыйзамдардан турат, алар: адамкерчилик, адилеттүүлүк, калыстык, уяттуулук, акыйкаттуулук, салттуулук, салабаттуулук, сабырдуулук, айкөлдүк, ж.б. касиеттерден турат. Демек, нарктуу адам кандай болот дегенде, дал ушундай: адамкерчиликтүү сапатка ээ, адилет иш кылган, калыс чечкен, уяттуу жүрүм-турумга ээ, акыйкаттуу, салттуулукту карманган, салабаттуу, сабырдуу жана айкөл адам деп айтууга негиз бар.

Ошон үчүн айтылат: Нарксыз улуу адам уятсыз жаш адамдан жаман.

№ 13. Нарктуулук сапат жана касиет эмнеден билинет?

Адамдын нарктуулук касиети төмөндөгүдөй сапаттардан, ири алдында жеке адамкерчилик сапатынан айырмаланат, сүйлөгөн сөзүнөн байкалат, жүргөн турганынан көрүнөт, башкага жасаган мамиле маданиятынан сезилет, кийген кийиминен таанылат, тамак ичкенинен сыналат, элдик билимдерди билгенинен бааланат, табиятка мамилесинен туюлат, карманган туура адаттарынан элге жагат, туура каадаларынан өзгөчөлөнөт, улуттук салтты сактоосунан, аны кармануусунан, башкаларга үлгү болуусунан билинет.

№ 14. Нарктуулуктун түрлөрү жана таянычтары

Нарктуулук бир нече түргө ажырайт: адегенде, падышанын элди нарктуу башкаруусу, т.а падыша элди анын нарктуу эрежелери, элдик нарктуу мыйзамдары менен башкарат; андан соң, өкмөт падыша койгон талаптарды нарктуу аткаруусу керек; албетте, мамлекеттин бекемдиги, бүтүндүгү үчүн мыйзамдарды чыгарат, ошол мыйзамдар да нарктуу, мыйзамдуу болуусу шарт, ал аркылуу элди мыйзамдуу тескеп туруу ишке ашат; күнөөлүүлөр да саясатташтырылбастан, нарктуу түрдө жазаланышы керек; ишканалардын жетекчилери башкаруучулук гана милдет аткарбастан, эрежелерди кармануу менен, нарктуу жетекчилик кылуусу, ал эми элдик өнөр менен билимдин устаттары улуттук өнөр менен билимди нарктуу түрдө муундан-муунган өткөрүүсү тийиш. Андан соң, эң маанилүүсү эл нарктуу жашоого тийиш. Анткени, нарктуулук ошол жашоонун жүрүшүндө байкалат.

Мисалы: Адамдын уяттуулугу – эң күчтүү мыйзам эрежесинен да күчтүү. Туура эмес мыйзам дагы – нарктуулукка жатпайт.

№ 15. Нарк жана нарктуулук

Нарк калктын жашоо-турмушун жөнгө салып турган мыйзам катары, анын бардык катмарларынын жүрүмтурумун, жашоо мүнөзүн аныктайт жана ага багыттайт. Аларды карыя менен байбиче, мырза менен айым, жигит менен келин, уул жана кыз наркка баш ийип, бүтүндөй улуттун маданиятын жашоо-турмушунда сактап турат жана аны алып жүрөт. Андан нарктуулук бекемделет.

Нарктуулуктун башаты: адам ариетин сактоо, улуттук ар-намыс, инсандын уяты менен ар намысын коргоосу, Ата Журтун сүйүү менен ага ак кызмат кылуусу, эне тилин урматтап, туугандын турпагы алтын деп ыйык мамиле кылуусу сыяктуу кодекстер менен башталат.

№ 16. Нарк жана бийлик

Нарк – баарына бирдей, карапайым калктан бийлик төбөсү болгон падышага чейин милдеттүү аткарылуучу мыйзам. Демек, нарк улуттун жашоо образын аныктоо менен, мамлекеттик бийликтин да образын аныктайт. Нарктын бийликте, аткарууда, тескөөдө, жазалоодо, жетекчиликте сакталуусу да нарктуулук катары бааланат.

Нарктуулук менен башкарган коом да нарктуу, уяттуу, ар намыстуу, тартиптүү коом деп мүнөздөлөт. Бийлик нарктуу болсо, аны карап эл дагы ага калыптанат. Демек, нарк бийликтен баштап сакталып, элдин жашоосуна сиңет. Эгер андай болбосо, эл турмушуна нарк бекемделбейт. № 17. Нарктуу инсандан нарктуу коомго

Улуттун ар мүчөсү нарктуу жоболорду сактап, салтты көөнөртпөй, каадаларды кетирбей, адаттарды бузбай, ырым-жырымдарды туура карманса, нарктуу инсан калыптанат, андан нарктуу коом түзүлөт.

Нарктуулукту сактоодо карыялар жаштарга үлгү болууга милдеттүү, анткени улуулардын милдети улуттук салттуу түшүнүктөрдү өзүнөн кийинки муунга көөнөртпөй өткөрүп бериши керек.

№ 18. Нарктуу коомдун мүнөзү

Нарктуу коом падышасы нарктуу башкарып, эли нарктуу жашаган, салттары бузулбаган, улуулары каадаларын карманган, кичүүлөрү адеп-ыймандуу, намыс менен ар бийлеген, уят-абийир өкүм сүргөн, өткөнүн унутпай, эртеңине ишенимдүү караган, үрп-адатын сыйлап, башка элди ээрчип кетпеген эли бар коом.

№ 19. Нарктуу үй-бүлөдөн нарктуу мамлекетке

Улуттук нарктарды анын ар бир мүчөсүнө жеткирүүдө үй-бүлөнүн милдети чоң, анткени тоолуу шарттагы бир боз үйдө эле элдин үч мууну (чоң ата-ата-небере) жашаган, ар бир үй-бүлө чакан мамлекет катары улуттук нарктарды, салттарды, каадаларды, адаттар менен ырым-жырымдарды улам кийинки муунга өткөрүп берип отурган жана улуттук нарктуу мамлекетке негиз болгон. Бул бүгүн да улануусу кажет.

№ 20. Нарктуулуктан улуттук идеологияга

Кыргыздын нарктуулугу – кыргыз улутунун жашоо образын түзөт, ал улуттун идеологиясын аныктайт.

Улуттун идеологиясынын мазмунун нарк-насилдер, салттар, каадалар, үрп-адаттар, ырым-жырымдар жана накыл кептер түзөт. Анткени, накыл кептердин (макалдар, лакаптар) өзөгүндө кыргыз элинин бардык коомдук идеалдары чагылдырылган, ал идеалдар идеологиянын негизин ээлеп турат.

Ушунун баары Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы Конституциянын өзөгүн түзүп турушу керек.

№ 21. Кыргыздын накыл кептери жана улуттук идеология

Макал-лакаптар элдин турмушунан алынган, алар элдин акылмандыгынын белгиси жана турмуштук көз караштары менен дүйнө таанымын, этикетин, моралы менен нравасын, бүтүндөй акыл ой жүгүртүүсүн, элдик билимдерин батырып, турмушунун бардык тарабын чагылдырып турат. Аларда улутубуздун идеологиясынын башаты жатат.

№ 22. Элдик тарбия жана башкаруу институттары

Калк наркы баарынан жогору, улуттук нравалык-этикалык кодекстер, алар жалпы эл үчүн милдеттүү, калк жыйылып кандай бүтүм чыгарса, ал – эл үчүн мыйзам.

Айыл наркы айыл деңгээлиндеги аткарылуучу бардык иштердин эрежелер системасы, ал айыл үчүн мыйзам.

Айыл аксакалы анын башында турган.

Үй-бүлө наркы бала тарбиясынын элдик эрежелер системасы, анда тарбиянын бардык түрү ишке ашырылган. Үй-бүлө элдик тарбиянын улуу аянтчасы.

Устат каадасы – улуу миссияны аткарган, ал элдик өнөрдү кылымдар бою улантып, муундан муунга жеткирүү вазийпасын аткарып келген эң ыйык милдет.

Карыялар кеңеши – улуттун улуу тажрыйбасын урпактарга жайылтуунун, улутту сактап туруунун эң жогорку бутагы болгон.

Элдик сот эң жогорку тескөө жана жазалоо органы.

Элдик курултай элдик эң жогорку башкаруу органы.

№ 23. КЫРГЫЗ НАРКЫНДАГЫ ЭЛДИК ДАРАЖАЛАР ЖАНА НААМДАР

Калк карыясы – ал жашы улуу, кары адамды гана туюнтпайт, калк карыясы элдик наам, элдин эң урматтуу, эң бийик жана эң сыйлуу даража-наамы. Улгайган карынын баары эле калк карыясы деп атала бербеген.

Ак байбиче – байбичелик эң улуу наам, ал наамды эл берет, абыроюна, жүргөн-турганына, сөзүнө, элге көрсөткөн үлгүсүнө жараша берилген элдик даража. Ал атайын салтанат менен ыйгарылган.

Манап – мансабына, аброюна жана да жеке үлгүсүнө жараша эл-журт алдында жогорку урмат-сыйга татыктуу болгон инсан.

Мырза – эр адамдын эң мыкты сапаттарына ээ, жеке үлгүсү менен көрүнгөн, көптөн айырмаланган, элдик урмат-сыйга ээ эң жогорку мүнөздөмө. Бардык эле эркектер мырза боло бербейт.

Эр жигит – жигиттин эң мыкты сапаттарына ээ, элдик идеалдуу мүнөздөмө. Анын образы эң мыкты сапаттарды камтып турат.

Ак келин – келиндерди сыйлоонун элдик баасы, эң бийик келиндик даража.

ҮЧҮНЧҮ  БӨЛҮМ

КЫРГЫЗДЫН РУХАНИЙ, МАТЕРИАЛДЫК  БААЛУУЛУКТАРЫ ЖАНА НАРКТУУ ТҮШҮНҮКТӨРҮ

  1. ТУУГАНДЫК МАМИЛЕЛЕР

Уул-кыздын жети атасы: Ата (өз ата) – уул-кыздын өз атасы

Чоң ата – атанын атасы

Баба – чоң атанын атасы, үчүнчү ата

Жото – төртүнчү ата

Жете – бешинчи ата

Кубар – алтынчы ата

Тек – жетинчи ата (атадан текке чейинки аталарды жалпылап ата-тек деп айтабыз) Аталар:

Өз ата – баланын өз атасы

Өгөй ата – өз ата жок болуп калган шартта бала колунда өскөн ата

Кайын ата – уул менен кыздын өмүрлүк жарынын атасы

Өкүл ата – уул-кыз турмуш курган кезде никесин кыярда өкүл (күбө) катары катышкан ата

Аяш ата – уул-кыздын досунун же курбусунун атасы

Абагай ата – атанын агасы

Түп ата – уруктун башындагы ата

«Рухий ата» – ар бир адамдын турмушундагы таянычы болгон, идея алган, таалим-тарбиясын көрүп, идеал туткан улуу адам!

Уул-кыздын он эки энеси

Умай эне – эне менен баланын колдоочусу, «умму эне» – алгачкы эне деген түшүнүк.

Түп эне – жетинчи эне

Өз эне – уул менен кызды төрөгөн эне

Чоң эне – уул менен кыздын атасынын энеси

Киндик эне – уул менен кыздын төрөтүн алган аял

Сүт эне – өз энесинин эмчегинен сүт чыкпай кыйналган кезде балага эмчегин эмизген эне

Таене – уул менен кыздын энесинин энеси

Өкүл эне – уул-кыз турмуш курган кезде никесин кыярда өкүл (күбө) катары катышкан эне

Бакма эне – өз эне жок болуп калган шартта багып чоңойткон эне

Өгөй эне – уул-кыздын атасынын башка аялы, эгер өз энеси дүйнөдөн өтүп кетсе, колунда калган башка эне Кайын эне – уул менен кыздын өмүрлүк жарынын энеси

Аяш эне – кыз менен уулдун курбусунун же досунун энеси

Жети баланын аталышы:

Бала – өз баласы

Небере – баланын баласы

Чөбүрө – неберенин баласы

Кыбыра – чөбүрөнүн баласы

Кибире – кыбыранын баласы

Тыбыра – кибиренин баласы;

Урпак – тыбыранын баласы (андан ары уланат)

АТАНЫН ҮЧ УУЛУ

Атага тең уул – атадай уул, атанын жолун уланткан ыймандуу уул

Атадан кем уул – атаны уятка калтырган, жүрүм-туруму элге жакпаган, атанын атын булгаган уул

Атадан артык уул – элге-журтка атадан да артык кызмат кылган, атасынын даңкын далайга угузган, чыгаан уул, элдин-журттун сыймыгы болгон уул.

УУЛ БАЛДАРГА МҮНӨЗДӨМӨ

(1-2-3-сыпаттама касиеттүү Сарт акеге таандык)

Мал багар бала – мал кайтарууга гана жараган, үй оокатынан башкага алы келбеген бала

Эл багар бала – жаш чагынан баштап эл көзүнө көрүнүп, келечегинен көптү үмүтөттүргөн, эл башкарып, элге кызмат кылууга дарамети көрүнгөн бала

Жан багар бала – өз кара жанын кор кылбай бага алган бала

Ой багар бала – билимди жашынан сүйгөн, жашынан идиреги билинген, келечекте илим-билимге аралашууга үмүттөндүргөн бала

Сөз багар бала – жаштайынан сөзмөр, сөзгө маани берген, сөзгө чечен, куйма кулак бала Балдар тууралуу:

Баталуу бала – бата алган бала, бата тийген бала, бата берер улуулары, ата-энеси бар бала;

Батасыз бала  –  бата албаган, бата тийбеген, бата берери жок жетим бала.

АТА-ЭНЕНИН УУЛ-КЫЗЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ТОГУЗ МИЛДЕТИ:

Жакшы ат коюу – жакшы ат коюу анын тагдырына оң таасир этет – дешет Тушоосун кесүү – тушоосу кесилсе, турмушунда жолу ачык болот деген ишеним Уул баланы сүннөткө отургузуу – мусулмандык парызды аткаруу

Мүчөлүн чыгаруу – мүчөл мезгилин белгилөө, Кудай алдында садага-зекет берүү, кан чыгарып ырым кылуу, жакшы тилектерди тилөө

Эрезеге жеткирүү – жакшы тарбия берүү, ден соолугун чың кылып чоңойтуу

Үйлөндүрүү (уул баланы) – жакшы жерден колукту таап же каалаганына баш коштуруп, үй-бүлөлүү кылуу

Турмушка узатуу (кыз баланы) – жакшы жерге же каалаганына баш коштуруп, турмушка узатуу

Өнөр үйрөтүү – өмүрүнө керектүү жакшы өнөргө үйрөтүү, билим берүү

Элге кошуу – эл-жерди таанытуу, элге аралаштыруу, ак бата берүү

КЫЗ БАЛАГА БАЙЛАНЫШТУУ

«Төркүн» деген эмне?

Төркүн – «төр» жана «күн» деген эки сөздөн турат, демек тоолук кыргыздардын боз үйүнүн күндүн нуру түшүп турган жери, жылуу жер. Тоо шартында алыстан кыйналып, балким, үшүп келген кызды үйдөгү күндүн нуру түшүп турган жерине, төргө отургузуп сыйлашкан. Төр, анын үстүнө, ыйык күндүн нуру түшүп турган жер тоолук кыргыздарда эң сыйлуу жана ыйык катары эсептелинген. Ошондон улам, «төркүн» деген сөз пайда болгон болуу керек.

КЫЗ БАЛАНЫ ЖАШ-КУРАГЫНА ЖАРАША  АТООДОГУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР

Такыя топучан кыз (саамай чачы алты өрүм) – секелек кыз

Кара далы кыз – чачын беш көкүл кылып өрүп, далысына таштап койгон кези

Үкүлүү топучан кыз – тестиер кыз

Тебетейчен кыз – турмушка чыга элек кыз

Шөкүлө кийген кыз – турмушка чыгып жаткан келинчек Элечекчен кыз – келин болгон кез Ата-баланын үйү:

Чоң үй – атанын үйү, бала төрөлүп-өскөн үй

Кичүү үй – баланын үйү

Чоң түндүк – атанын же аганын үйү.

Кичи түндүк – баланын же ининин үйү

Чоң аш – атанын үйүнөн берилген тамак

Кичи аш – баланын үйүнөн берилген тамак

Ачык эшик – келим-кетими көп үй

Тар эшик – келим-кетими аз үй

Ата-эне, уул-келин, кыз-бала тууралуу Садыр акенин акылман ойлорунан:

Ата – жакшысы – акылдын көлү, Ата жаманы – жакыр.

Эне жакшысы – кут,

Эне жаманынан ашкан мээнет жок. Ини жакшысы – ишенич, Ини жаманы – муш. Келин жакшысы – кенч, Келин жаманы – кесел. Кыз жакшысы – кымбат, Кыз жаманы кыроо.

Уул жакшысы – урмат, Уул жаманы – уйгак.

Жакшы теңтуш – Теңирим берген-курбу, Жаман теңтуш бел болбойт.

2. ЖУБАЙЛЫК МАМИЛЕЛЕР

Жубайлыктын түрлөрү

Өмүрлүк жар – никелешкен жар, ак никелүү жар

Кыяматтык жар бул дүйнөдө эмес, «о дүйнөдө жар бололу» деп антташкандар. Мисалы, Манас баатыр менен Кыз Сайкалдын антташканы. Бул тууралуу «Манас» эпосунда мындайча айтылат: «Карачанын Сайкалы, Касиеттүү жан эле.

Каныңыз Манас султандын,

Кыяматтык жары эле»

(«Манас», Сагынбайдын варианты, 991-б.).

Анттын күчү ушунда экен, Кыз Сайкал Манас дүйнөдөн кайтып, сөөгүн коюп үйүнө келген түнү артынан кетет, т.а. ал дагы о дүйнөгө кетет).

ЖУБАЙЛЫК МААРАКЕ ТОЙЛОР:

(үйлөнгөнүнүн белгилүү бир даталарына ылайык белгиленет)

1 жыл – «чыт той» (жубайларга чыт кийим кийгизишет);

5 жыл – «жыгач той» (жубайларга жыгач кашык, аяк белек кылышат);

10 жыл – «роза той» (жубайлардын жакасына роза гүлдөрүн тагышат);

15 жыл – «баркыт той» (жубайларга баркыттан кийим кийгизишет);

20 жыл – «форфор той» (жубайлар форфор идишке тамак куюп ичишет);

25 жыл – «күмүш той» (жубайларга күмүш буюм белек кылышат);

30 жыл – «бермет той» (жубайлар бири бирине бермет шуру тагышат);

35 жыл – «зыгыр той» (жубайларга зыгыр буюм бе ришет);

40 жыл – «рубин той» (жубайларга рубин ташы чөгөрүлгөн шакек салышат);

50 жыл – «алтын той» (жубайларга алтын шакек салышат);

60 жыл – «бриллиант той» (бриллиант шакек салынышат);

65 жыл – «темир той» (жубайлар темирдей ширелишти деген маани болсо керек) (Этнограф Амантур Акматалиевдики боюнча бир аз толуктоолор менен берилди).

3. КУДАЛЫК МАМИЛЕЛЕР

Түп куда – куда тараптын уруу башы

Кан куда – уулдун же кыздын кайын атасы, нак өз куда («кул куда» – кыз алып кулдук уруп келген куданы Ысык-Көл тараптагыларда салыштырмалуу ушинтип аташкан учурлар бар, бирок бул жалпы кыргыз наркында жок түшүнүк)

Чоң куда – куданын атасы же чоң атасы

Бел куда (антташкан куда) – кыз бала же уул бала бойдо кезинде, төрөлө элек кезде болочоктук куда болуу

Бешик куда – кыз же уул бешикте жаткан кезде куда болуу

Кайчы куда – мурда кыз берген куда кийин алардан кыз алуусу

Өтмө куда – мурда эле кыз алышы же кыз беришкен кудалар кудалыгын жаңыртышып, кайрадан кыз алышып же кыз бериши

Куда башы – кудалардын «ачуу-таттуу» мамилелеринде сыйлуу бир адамын «куда башы» деп алдыга алып барышкан жөрөлгөсү

Келин алууда энеге берилүүчү акылар:

Тапкан акы – омуртка сөөгү сыздап тогуз ай көтөрүп, толгоо тартып, бул жарык дүйнөгө алып келгени үчүн;

Баккан акы – ымыркайынан бери түн уйкусун бөлүп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, тамактын таттуусун берип, багып бойго жеткиргени үчүн;

Көз акы – көздүүнүн көзүнөн, сөздүүнүн сөзүнөн коргоп, ой-санаасынан күнү-түнү чыгарбай өстүргөнү үчүн;

Сүт акы – ак бешикке бөлөп, ак мамагын эмизип, мээримин төгүп, ак сүтүн бергени үчүн

  1. ДОСТУК МАМИЛЕЛЕР ДОС КИМ? КАС КИМ?

Дос үчөө: өзүңдүн досуң, досуңдун досу, касыңдын касы

Кас үчөө: өзүңдүн касың, досуңдун касы, касыңдын досу

ДОСТУКТУН ТҮРЛӨРҮ:

Сүт дос – адамдын балалык күнүнөн башталган таттуу, ынак мамиле. Ал мамиле кийин-кийин сакталабы, унутулуп калабы, достордун турмуштук көз караштары калыптана баштаганда билинет. Ошон үчүн балалык күндөгү достук мамилесин сактагандар бар, сактабагандар бар. Сактагандар бир ата-эненин балдарындай болуп, улгайганга чейин кыйышпай катышышат. Эл ичиндеги: «бармактайда табышканбыз», «тырмактайда жолукканбыз» деген сыпаттама сөздөр ушундайларга байланыштуу айтылгандыр.

Жарма дос – мындай достор эрезеге жеткендердин өз ара жылуу мамилесинен улам башталып, кээде чакырышып чай ичип, бой кезинде ынак болуп, кийин үйлөнгөндө үй-бүлөлүк катышы менен уланат. Андай достордун өтө деле кыйышпастык мамилелери жок, антсе да көңүлдөрүн табышып, жылуу мамиледе болушат. Мунун эл арасында тамаша менен аталган «арак дос» деген да түрү бар.

Шеринелеш дос – достуктун бул түрү жетилген курагында туугандар, кызматташтар, бирге окугандар арасында мамилени алыстатпаш үчүн үй-бүлөлүк катыш менен уюштурулган жылуу мамиленин натыйжасы. Анда ортодо милдеттүү түрдө топтолуучу акча каражаты болот да, катышкандар арасында милдеттүүлүк алдыга чыккан учурлар да бар.

Кызматташ дос – бул, албетте, кызматтык кызыкчы лыктардан улам келип чыккан мамиленин натыйжасы. Бул достук кызматташ, идеялаш, көз карашы бир, саясатта же чарба тармагында жүргөн адамдардын өтө жоопкерчиликтүү, өтө так жана бири-бирине өтө ишенген мамиле менен коштолот. Мунун да ар кандай шарттарга жараша узакка созулган жана созулбаган учурлары жок эмес.

Аке дос, ини дос – бул улуу-кичүү көңүлү жакын адамдардын достук мамилесин билгизет. Улуу адам өзүнөн бир канча жаш кичүү болсо да, көңүлү жакын болуп, а кичүүсү канча жаш улуу болсо да, сырдаш болуп, бирин-бири колдоп, өтө урмат жана ызаат менен мамилелеш болушат. Кан дос-бул антташкан достук, достуктун бийик туусу, өтө ыйыгы жана аныгы катары бааланат. Андай достор бирин-бири өмүр бою кыйышпаган, өтө оор тагдыр башка түшкөн күндө да, жай турмушта да ой-тилеги, максатмүдөөсү, ысык-суугу, кубаныч-кайгысы, жакшылык-жамандыгы бир, бирге ойлонгондой, бирин-бири сүйлөшпөй түшүнүшүп мамилелешип, жогунда каралашкан, барында ырыскысын тең бөлүшүп наарлашкан, сеники-меники дешпеген, тагдыры кошкон өзгөчө мамиледеги адамдар десек болот.

Жүрөктөш дос – бул чанда-чанда кездешкен, аял менен эркектин ортосундагы өтө ыйык мамиле. Ар биринин үйбүлөсү болсо да, аял менен эркек өзүнүн очогун бузбай, ортодогу таза мамилесин да сактап, иште, турмушта бирин-бири өтө урматтап-сыйлап, жылуу мамиледе жүрүүсү.

Акыреттик дос (о дүйнөлүк дос) – достуктун бул түрү өтө ыйык милдет, бул турмушта ысык мамиледе боло албасак да, тиги дүйнөдө бир бололу деп антташып, төш тийгизип, кучак кысышкан айрыкча адамгерчилик мамиленин туу чокусу.

Бул туурасында:

«Урумкандын Көкбөрү, Көктөн жылдыз боз экен, Көк жал менен эр немең Акыреттик дос экен» – деп айтылат («Манас», Сагынбайдын варианты, 992-б.).

ДОСТОШУУНУН ТҮРЛӨРҮ:

  • чыпалак алышып достошуу;
  • шилекей алышып достошуу;
  • кымбат баалуу буюмдарды берип достошуу;
  • ок тиштеп достошуу;
  • билегинен кан чыгарып достошуу;
  • жаанын огун аттап достошуу;
  • нан – туз кармашып достошуу;
  • буудай чайнашып достошуу…
  1. КОНОК КҮТҮҮ МАМИЛЕЛЕРИ

КОНОКТУН ТҮРЛӨРҮ:

Кыдырма конок – бул, алыс-жакын туугандардын, көңүлү жакын, санаалаш адамдардын чакыртпай келип, кыдырып учурашуу, сырдашуу максатында үйдөн наар татышы, т.а., алыстан атайын келип, туугандашып, жакын жалпы туугандарынын үйлөрүнө бир нече күндөп, жумалап конуп, кыдырып сый көрүп кетүүчү конок. Коноктун мындай түрү чачкын аймактарда жашаган кыргыздарга мурдатан эле айрыкча мүнөздүү. Алар саналуу убактан кийин, үй ээсин тажатып жибербеш үчүн, кийинки тууганынын үйүнө барат же өз үйлөрүнө кайтат. «Биринчи күн-мейман, экинчи күн – ысман» деп ошон үчүн айтылса керек.

Арналуу конок – бул, көптөн бери үйүнөн наар сыздыра элек сыйлашкан жакын адамдардын же куда-сөөктөрдүн үйгө чакырылышы. Ал атайын конок айттырып, атайын чакырчу адамды жиберип, анан келер күндү болжоп, күтүнүп, мал союп, даярданып күткөн конок. Мындайда конокторго белек-бечкек даярдап, баалуу тартуу берип, мал энчилеген учурлар да болот.

Саламчы конок. Алыстан же жакындан, урматтапсыйлаган адамына учурашып коюу, көрүшүп чыгуу үчүн келген, кээде аз убакытка деле салам айтып кире калган учурлар көп эле болот. Андайда үйдө шарты бар адам келген адамдын убактысына карап чай берип, «чыс-пыс кыл ган» учурлар болот. Саламчы конок деп ушулар айтылат.

Сый конок. Атайын чакырып коноктобосо да, күтүүсүз жерден алыстан келген сыйлуу адамдарды кыргыздар шашылыш түрдө болсо да, тай союп, кызыр эмди козу союп, кымыздын мыктысын берип сыйлап конок кылат.

Баскын конок – бул да эзелтеден элибиздин турмушунда болуп келген. Оокаттуу байлар, текеберлүү төбөлдөр айрым басташкан тарабындагыларга айттырбай барып, аларды сынап мамиле жасаган, ыңгайы келсе басынтып кетүү максатында, үстөмдүк көрсөтүп, жалгыз эмес, топтобу менен барып үйүнө түшүшү. Мында үй ээси айласы жок, колунда бар болсо да, жок болсо да, баса жаткан конокту намыс үчүн күтүнүп, уруусун, айылын сөзгө сындырбаска аракет кылып, конокту узатышчу. Ошон үчүн мындайды элибиз «баскын конок» дешчү экен.

Туткун конок – бул дагы мурдатан элибизде болуп келген. Ал эмнени билдирет? Уруулук чабыштардын мезгилинде ортону тынчтандыруу, эки жаатты элдештирүү максатында бир тараптан экинчи тарапка элчилер барган. «Элчи менен тилчиге өлүм жок» демекчи, алар оң жоопту укканча күтүүгө туура келчү. Аларга урмат-сый көрсөтүлбөсө да, өзүнчө жайда кармалып, конок күтүлгөндөй түр менен, бирок сакчылардын кайтаруусунда бир нече күн кармалышкан. Муну «туткун конок» деп коюшчу улуулар.

Кудайы конок (алыстан, башка жактан келген конок) Коноктун бул түрү – алыстан ат арытып, арып-чарчап келатып, түн киргенде аргасыз кез келген жериндеги үйгө кайрылып түнөп кетүүсү. Мындайда элибиз үйүндөгү бар-жок шартына карабастан, «келгенче конок уялат, келген соң, үй ээси уялат» деп, барына сүйүнүп, жогуна уялып конок күткөн. Келген адамды «Кудай жиберген конок» деп урматтап, «балким, Кожо кыдыр өзү болуп жүрбөсүн» дегендей, көңүлүн оорутпай күтүп узатууга аракет кылышкан.

Милдеттүү конок – аш-тойго алыстан келген же күлүккө ат кошууга, көк бөрү, жорго, эр эңиш оюндарына катышууга келгендерди айыл эли нарк боюнча милдеттүү түрдө конок-алган. Муну элибиз «айыл ынтымагы» дешкен. Милдеттүү алган конокту жакшы карабай коюшкандар уятка калган. Андайлар ынтымактан чыгарылган.

Шылдың конок – өткөн кылымдарда айрым дөгүрсүгөн бай-бийлер келген коногуна минип келген өз атын союп коноктогону тууралуу эл ичинде айтылып келген болмуштар, улама кептер муну далилдейт.

Күтүүсүз конок айттырбастан, алыс-жакын жерден, кандайдыр бир шылтоо, себепке байланыштуу келип калган адамдар. Алар «Айттырбай эле, атайын күттүрүп убара кылбай эле келип калдык» деп, үй ээсин тасмал жайдырып, көпкө убара кылышпайт. Мындайда, жакын курбу-курдаш, дос-жоролор, тууган-туушкандар келишет. Кээде туулган күнүнө, майрамга же жакшы бир шылтоого байланыштуу келип, ичер-жээрин өзүлөрү көтөрө келишкендери да болот.

Коноктун келген шартына жараша:

Жата конок, же жатар конок – чакырылган үйгө түнөп кетүүчү конок;

Кете конок, же кетер конок – түнөбөстөн, тамак ичкен соң кетүүчү конок.

6. УЛУТТУК ТАМАК-АШКА БАЙЛАНЫШТУУ АЙТЫЛГАНДАР

Боорсоктун түрү:

Той боорсок – сүткө жуурулган камырдан, борсойтуп, аземдеп, тегерек кылып, кооздоп кесип бышырылган боорсок

Чай боорсок – лентадай  тилим-тилим кылып кесип бышырганы

Чий боорсок – кесмедей кылып чийдей майда кесилген боорсок

Мөндүр боорсок – калың жайган камырды ичке тилип, анан аны майдалап кесип бышырганы, андай учурда боорсок чачма ок сыяктуу. Чай менен ичкенге жакшы.

Көөкөр боорсок – кооздоп, оюу формасында кесип бышыруу. Бул, көбүнчө, айт майрамдарында бышырылып, тасмал кооздолчу да, айттап келгендер кызыгып алып кетишчү. Азыр тойдун башында ырымдап «көөкөр боорсок» деп бышырып жүрүшөт.

Кыйгач боорсок – дайым жакшылык чексиз болсун деп кыйгач кесип бышырылган боорсок. Негизинен, кыйгыч ромбик-чексиздиктин белгисин туюнтат. Ал жакшылыктын, бакыттын жана байлыктын да белгиси катары эсептелинет. Ошондуктан, энелер эзелтен жакшылыктарда, тойлордо кыйгач кесип боорсок бышырчу экен.

Чарчы боорсок – чарчы кесип бышырылган боорсоктун мындай түрүн эзелтен кыргыз энелер жамандыкта бышырчу дешет. Анткени боорсокко ылайыктап кесилген камырды төрт чарчы формасында кесип, жамандык ушуну менен токтосун, мындан ары жамандык болбосун деген ниетин билдирчү экен.

Кымыздын түрү:

«Көгала» – эрте жаздагы жаңы ачытылган саамал кымыз. Ууз сүт ачыткыга жакшы ачыбай, сүт менен кымыз толук аралашпай, ачыбай турган мезгил. Бал кымыз-Ууз сүттүн жазгы кымызы. Кымыз бал татып, дарылыгы артып, жагымдуу болуп, кымыз сагынган жанга бал татып турган учуру. Бал кымыз – аты айтып тургандай, бал татып, адамдын ар кыл дартына дабаа болуп, ден соолугун бекемдеп, күч-кубат берет.

Гүл кымыз – Жаз толукшуп, жайдын алгачкы айы келгенде жер бетин гүл ороп, бээ жаныбар гүлдүн үрүн тандап жеп калган кездеги сүттүн кымызы. Бул кезде гүлдүн дарылыгы сүт аркылуу кымызга өтөт.

Сөөк кымыз – күзгү кымыз. Жай бышып, күздүн белгилери келе баштап, үркөр эчак асманга көтөрүлгөн кезде гүл бышып, гүлдүн уругун жеген бээнин сүтү күчүнө чыгат. Анын күчтүү кымызы сөөккө чейин жете – деп коёт. Сөөккө жеткен кымыз адамдын ден соолугуна ар кандай таасир этип, эски дарттарын козгойт деп айтышат.

Саамал кымыз – саалган сүт сабага куюлуп бышылгандан кийинки жаш кымыз. Жаш кымыз күчүнө кире электе жумшак болуп, жагымдуулук касиети күчтүү болот, адамдын иммунитетин көтөрөт, алсызга дабаа болот. Адегенде, адамдын ичин жумшартып, ичеги карынын тазалоого жакшы жардам берет.

Тунма кымыз – кымыздын таңкы тунмасы. Түнү бою сабаада туруп, тунган кымыздын үстүндө анын үрү чогулат деп коёт. Ошол тунмасы анын эң күчтүүсү болот. Ачкарын ичкен тунма кымыз ичтейди ысытып, аш казанды аңтарып, аппетитти ачат. Мындай кымыздан ата-бабаларыбыз каркыт (кымыздан тартылган ичимдик) тартышкан.

Ширге жыяр кымыз – кулун агытардагы күзгү соңку кымыз. Аны айыл эли бири-бирин чакырып, жалпы ооз тийишкен. «Келерки жылдын кымызын ичкенди Кудай насип кылсын» – деп бирге тилек тилешкен. (Ширге-кулундун башына каткан нокто, кулун энесин ээмп албасын үчүн тумшугуна шиш катырылган нокто, күзүндө мына ошол ноктону алар кездеги соңку кымыз, демек кулундун ноктосун чечер, жыйып алар, ширгени жыйнап алар кездеги кымыз)

Тууралган эттин түрү

Куш тил – үч бурч кылып тууроо. Беш бармак үчүн эттин мындай туурамы ар кимдин эле колунан келе бербейт. Адегенде, туурамчы туурай турган этти колго алат да, бычакты эттин капталынан эмес, тикесинен, үстү жагынан чегип чыгат. Ал учурда бычакты туурамчы, бирде өзү тараптан сыртты көздөй, бирде сырттан өзү тарапты көздөй кайчылаштыра чегип чыгат. Эми ошол кайчылаштыра чегип чыккан этти туурамчы туурасынан, т.а. капталынан кадимкидей туурайт. Ошондо кайчылаштыра чегилген эт табакка түшкөндө куш тилиндей болуп үч бурч формасында көрүнөт. Муну элибизде «куш тил» туурам деп коюшат.

Бөрү тил – майда тилик кесмедей болгон туурам. Туурамдын бул түрү да жогоркуга окшош. Анда дагы этти туурамчы тикесинен, үстүнөн төрт чарчы же тик бурчтук формасында чегип чыгат. Анан аны кайрадан туурасынан кадимкидей туурайт. Ошондо табакка түшкөн эт кесме сымал тик бурч формасында, тилик кесме сыяктуу формада түшөт. Аны элибиз бөрү тил туурам дейт. Дегинкиси, туурамдын мындай түрлөрү туурамчынын талантына, өнөрүнө жараша болот.

Бөрү жортум – одуракай туурам. Туурамдын мындай түрү, албетте, эт тууроону билбеген адамдын кылган иши. Же болбосо, эт тууроого анча маани бербеген адамдар да ушундай туурашат. Шашылышта, кээде шылына бышкан, майлуу, колго келбей калган этти да кээде үзүп-үзүп, же мокок бычак менен жортуп-жортуп туурап жей берген этти да бөрү жортум деп коюшат. Анан да, эмне үчүн «бөрү жортум» дейт деген суроо туулат. Бөрү (карышкыр) жортуп жер кесип баратканда бирде майда желип, бирде арыштап чуркап, бир калыпта жүрбөйт. Анан эт жегенде, бирде чайнап, бирдей чайнабай жутуп, тамагын шашып үзүп-бүлкүп жеп жүрүп күн өткөрөт. Демек «бөрү жортум» деген сөз ушундан улам, бир калыпта эмес, аралаштыра, иретсиз тууралган этти айтат.

Элеме – сулп эттин туурамы. Айрыкча, жылкынын, же уйдун сулп этин курч бычак менен шашпай, эринбей майда тууроо-элеме тууроо делинет. Тууралган этти идишке салып, аны дагы да кош колдоп ушалап, майдалап чыгат. Ошондо тууралган эт элек менен элеген сыңары майда болот да, беш бармак жешке жагымдуу, ширелүү, тамактын ажарын ачып турат.

Мындай туурам мыкты туурамчынын гана колунан келет. Айрыкча, сыйлуу коногун чакырганда, элибиз атайын мыкты туурамчыны чакырып эт туураткан. Айрым бийлик адамдары кайда барса, өз туурамчысын ала жүрүшкөн учурлар да болгон.

Жапырмак – чарым эттин туурамы. Деги эле, чарым эт жакшы туурала бербейт. Ал дагы бирде үзүлүп, бирде кесилип, бирде чоюлуп, иретсиз тууралып, туурамчыны жүдөтөт. Аны ошон үчүн курч бычак менен эптеп үзүп-кесип туурап, үзүлүп түшкөндөрүн көргөзбөй, айрым жакшы тууралгандары менен жаап-жашырып тууроо-жапырмак туурам деп айтылып калса керек.

Сары майдын түрү:

  1. Эркек май – каймакты сызгырганда майда бүдүрлүү болгон май; ал келерки жылы эркек төл көп болот дегендин белгиси.
  2. Ургаачы май – каймакты сызгырганда сыйда, бүдүрү жок болгон май; ал келерки жылы ургаачы төл көп болот-дегендин белгиси.

КҮЛАЗЫКТАР

(күл-майда, майда тууралган эт азыктары):

  1. Тууралган этке талкан кошулуп, сары майга көөлөнүп курут сыяктуу тоголоктолгон азык-алыска жумалап, айлап сапарга чыкканда элибиз «ат жалына казан асып» кубаттанчу, эң керектүү, эң күчтүү жана да эң пайдалуу азык; аны элибиз чыныгы «күл азык» деп аташкан.

Күл азык 2 жол менен даярдалган:

  • бышык күл азык – бышырылган азыктардан даярдалган;
  • кам күл азык (чийки күл азык) – чийкилей даярдалган, аны барган жеринен бышырып алышкан. Чийки күл азык кээде талаадан деле даярдалган, мисалы, мергенчилер талаадан атып алышкан кийиктин этин ысык ташка жайып кургатып алышкан да, кайда болсо, алып жүрүүгө мүмкүндүк болгон. Мындан сырткары, элибиз күл азыктын көптөгөн түрлөрүн даярдап, жүрүштө, талаада алып жүрүшкөн. Алар:
  1. Сүткө көөлөнгөн талкан – ысык же суук эмес мүнөз азык; арпа, буудай жана жүгөрүнүн талканын сүткө кошуп көөлөгөнү.
  2. Каймакка көөлөнгөн талкан – арпа же буудайдын талканын каймак кошуп көөлөнгөнү, курсакка топуктуу, балабы, чоңбу, үйдө же сыртта жактырып жеген азык.
  3. Сары майга көөлөнгөн талкан – муну элибиз «жентек талкан» дешчү, бала төрөлгөндө тасмалга коюп, ырымдап оозтийчү, алыскы жолго чыкканда жечү топуктуу азык.
  4. Айранга көөлөнгөн талкан – кычкыл келип, тамакка табитти ойготор, алыскы жолго чыкканда суу кошуп чайып, суусун кандырар мүнөзгө ээ; энелер мындай талканды уйдун сүтү байып кетерде даярдап коюшкан да, келерки жылы уй тууганда сүткө ачыткы катары кошуп, айран уютушкан.
  5. Бозого көөлөнгөн талкан – ачкыл келет, аны эркек адамдар алыскы жолго чыкканда, же айрыкча кыш мезгилинде кыштоого мал багууга жөнөгөндө даярдап беришчү, анткени ага суу кошуп чайыганда кадимкидей талкан чалган бозо өңдөнүп, карын тойгузар, күч, кубат берер азыкка айланат.
  6. Кымызга көөлөнгөн талкан – бул күзүндө бээлер агытылып, ширге жыяр кымыз ичилип калганда даярдалчу; аны келерки жазда суу кошуп кайрадан кымызга айлантып, бээ байлаганда ачыткы катары колдонушчу; аны кээде сапарга чыкканда же деги эле кыш мезгилинде сууга чайып суусундук катары да пайдаланышчу.
  7. Сары майга бал кошуп көөлөнгөн талкан – муну элибиз «кошкон май» деп коюшат; ал той-топурда дасторкондун көркүн ачкан эң сыйлуу тамак; анан да, алыскы сапарда жүргөндө жеп кубаттанып ала турган азык катары да колдонулган.
  8. Түймө – жандык малды союп, сөөктөрүн майдалап чагып, бардык этин өз майына кууруп бышырылган азем тамак. Анан куурдакты карынына салып, оозун бекем түйүп коет. Алыс жолго чыкканда калаган учурда жеп кете беришет.

КУРУТТУН ТҮРҮ:

  1. Чий курут – калем түспөл кылып жасалган курут
  2. Май курут – майлуу курут
  3. Чөбөгө курут – чөбөгө кошулган, таттуу курут
  4. Тоголок же умачтама курут
  5. Калемпир курут (муну азыр жасап жүрүшөт)

АКСИРКЕНИН ТҮРҮ:

  1. Аксирке – эзилген сүзмө кошуп кайнатылган шорпо; сирке деген сөз уксуз же кычкыл дегенди билдиргендиктен, кычкыл даамданган шорпо «аксирке» деп алалган өңдүү; мунун экинчи мааниси-сүзмөнүн майда бүдүрлөрү сирке сыяктуу көрүнгөнүнөн улам да, аны «аксирке» деп коюшкандай.
  2. Ала дөң – айран кошулган шорпо; айран туна баштаганда шорпонун үстү ала-була болуп калганынан улам, ал «ала дөң» деп аталса керек.
  3. Чагырмак – кымыз кошулган шорпо
  4. Кара дөң – кээде тузу өтүп кеткен учурда кой менен жылкынын күчтүү шорпосуна суу кошуп ичүүгө туура келет; ошондо суу кошулган шорпонун өңү өзгөрүп, каралжын тартып калат, ошондуктан аны «кара дөң» деп атап коюшу мүмкүн. (Х.Карасаевдин сөздүгүнө таянсак, мындай шорпону кышкы сүр жеген кезде ичишкен.)

УНУТУЛУП БАРАТКАН АЙРЫМ ТАМАК-АШТАР

Кымыран – диета кармагандарга ичирчү тамак, ысык сууга бир аз сүт кошуп, кайнатып, ысыгы ашкан адамга ичирчү.

Ысытма – өтө сууктаган адамга ичирчү тамак, аны даярдоодо малдын ичинен түшкөн баласын эзилте кайнатып, анан аздан аздан ичирчү.

Көбүрмө – каткан ичти жумшартуучу тамак, аны даярдоодо айранга сүт кошуп көпкө чейин аралаштырышкан, ошондо ал күбүрүп-жабырып жеңил мүнөздөгү өзгөчө бир тамакка айланат.

Бертик жарма – адамдын белине суук тийип, туруп баса албай жатып калганда, ырымдап жети үйдөн бирден кашык ун суратып келип, майга кууруп үстүнө ысык суу кошуп кайнатып даярдалган ысык аш.

Кыям – адам суукка катуу урунуп ооруп жатып калганда тердетип суукту чыгаруучу ысык аш, аны даярдоодо ысык сууга айран же кымыз кошуп кайнатат, ичсе, тердеп бат сакайчу.

Кара ууз – уй жаңы туугандагы бышырылган сүттүн катуу уузу.

Ак ууз – уй туугандан эки-үч күн өткөндөн кийинки жумшак уузу.

Кылоо жарма – уйдун ууз сүтү тарап баратканда талкан кошуп кайнатып жасаган жарма, жармадан музоонун төбөсүнө, жонуна жана соорусуна бир кашыктан тамызып, «Кылоо-кылоо торпогум, алдыга кетсең ууру алат, артта калсаң бөрү жейт, ортодо жүр торпогум, торпогум өлүп калат деп, мен ушундан коркомун…» деген элдик ырды ырдап, торпокту кылоолочу.

Умач аш – Умай энеге арнап түлөө сыяктуу максатта жасалган ысык аш, аны даярдоодо жети эне биригет, алар унга алаканын майлап алып мөндүрдөй майда кылып тоголоктоп, ысык сууга кошуп кайнатып, чогулган адамдар баары ичишчү.

Кара бейпил – сүр эт бышып жатканда майынан калпып алып талкан же ундан кошуп көөлөп жеген койчу менен отунчулардын тамагы болгон экен; аны жеген адамдын карды кыйлага токчумак болору шексиз.

Жупка – камырды жуп-жука кылып жайып, ысык мештин үстүнө топ-тобу менен бышырып, эзген сүзмөгө сары май кошуп, жупкадан сындырып жеген өтө топуктуу тамак; аны кыргыздар, көбүнчө, орозо маалында даярдап жешчү.

Катырма – камырды жукараак кылып жайып, казандын түбүнө эки тарабын бирдей бышырган жука токоч.

Калама – камырды калыңыраак жайып, ысык чокко калап бышырган нан.

Кошкон май – сары майга бал же шекер кошуп көөлөп, жентек тойдо тасмалга коюлган азем тамак.

Чөбөгө – каймакты сызгырганда түбүндө калган тыбыты, өтө күчтүү тамак.

Эзген курут – май курутту эзип, үстүнө сары май кошуп ичкен азем тамак.

Мыжык – сары майга жаңы бышкан нандан сындырып, кол менен мыжып жеген топуктуу тамак.

Сызык токоч – малдын ич майын сызгырганда чыккан сызыкка, май токоч бышырып, майга мыжып жеген өтө күчтүү азык.

Эжигей – атайын даярдалган шалпылдак менен сүттү иритип, андан чыккан быштакты көпкө кайнатып даярдалган баалуу азык.

Чукума боорсок – эжигей бышырганда кошо бышырылган ичи чукума калың боорсок.

 

  1. ӨНӨР БАГЫТЫНДА

БОЗ ҮЙДҮН ТҮРЛӨРҮ

Ак өргөө – аземдеп тигилген, ак боз үй

Хан өргөө – хандын өргөөсү, ички жасалгалары айрыкча үй

Ордо үй – хан же бектер курултайларды өткөрүүдө, же жыйын чакырганда үч-төрт боз үйдү бириктирип жанаша тиккен кезинде ортодо жыйын өтүүчү үй

Конок өргө – эл жакшылары сыйлуу коноктор келгенде короодон окчун жерге атайын от жакпай, түтүнгө ыштабай тиккен үй

Отоо үй – жаз-күздө тиге калуучу чакан боз үй

Жолум үй – малчылар кыштоолор менен жаздоолордо же аскерлер жүрүштө талаада алып жүрүүчү, узак сапарларда жолдо оңой тигилүүчү чакан боз үй

Чыгдан – тойлордо эт бышырып, же бөкөлчүлөр эт бөлгөн үй.

(Боз үй көлөмүнө жараша – төрт канат, алты канат, сегиз канат, он эки канат ж.б. деп бөлүнөт.)

БОЗ ҮЙДҮН БӨЛҮКТӨРҮ

Жыгачтары

Босого таяктары – жер босого жана жан босого

Кереге (кошумчалары – саканак)

Уук жан уук, эшик уук

Түндүк тегереги – алкак, үстүнкү ийри жыгачтарычамгарак деп аталат

Кийиздери

Туурдук – керегенин сыртын жабат

Үзүк – ууктун үстүн жабат

Түндүк жабуу – түндүктү жабат

Эшик – эшиктин сыртына жана үстүнө тартылат

БООЛОРУ

Ички боолору:

Баш чалгыч – керегенин башын жан босого менен бириктирип, бекемдеп турган жазы боо

Тизгич – ууктарды тизип, иреттеп, тегиздеп турган боо

Үзүк боо – кооздоп согулган жазы боо

СЫРТКЫ БООЛОРУ:

Кырчоо – үйдүн сыртынан курчалып байланган аркан боо

Сырткы үзүк боо – үзүктү кырчоо менен бириктирген аркан боо

Түндүк боо – түндүк жабуунун аркан боосу

Эшик боолор – эшикти сыртынан бекитүүчү боолору

БОЗ ҮЙДҮН ИЧКИ БӨЛҮКТӨРҮ:

Улага – кире бериш бөлүгү

Төр – улаганын каршы тарабы, үйдүн төрү

Эр тарабы – төрдүн оң тарабы

Эпчи (аял) тарабы – төрдүн сол тарабы, бул тарапта чыгдан орун алат

Коломто – боз үйдүн от жаккан орто жери

БОЗ ҮЙДҮН КЕРЕГЕСИНИН ТҮРҮ:

  1. Торкөз кереге – майда көздүү, бийик, карылуу, 100 баш үйдүн керегеси
  2. Желкөз кереге – кең көздүү, орто карылуу, 80 башка чейинки үйдүн керегеси

ШЫРДАК:

Санама шырдак – эң кооз, мыктылап жасалган төрө шырдак

АЛАЧЫКТЫН ТҮРЛӨРҮ

Сайма алачык – чоң үйдүн жанына тигилген кичинекей алачык. Бакандай болгон шыргый жыгачтардын бир учун жерге тегерете сайып, баш жагын бекем байлап, үстүнө тери-кийиздерден жаап жасалган алачык. Ошондуктан ал «сайма алачык» деп айтылган. Ага боз үйгө батыша албай калган шарттарда бала-чака жатышчу. Ошондой эле, эрте жазда эзелтен малчылар жаздоого чыкканда, боз үй тикпестен, утурумдук катары «сайма алачыктарды» жасап алышкан.

Тегирмек алачык – шашылышта, үйдү шашпай тиккенге чейин керегени тегерете жая коюп, ортодо тирелген таякка ууктарды туурасынан тегерете байлап жасалган тегерек алачык.

Төө комдот алачык – комдолгон төө жаткандай формада жасалган чакан алачык. Аны да боз үйдүн жанына жасашкан. Айтымда, ал үйгө коноктор келип, үйдө орун болбой калган шарттарда уул-келин бөлүнүп жатып алчу экен. Мындай алачыктарга эрте жазда туулган майда улак-козуларды жаан-чачын убагында киргизишкен да болуу керек (этнограф А.Акматалиевден)

Чөп алачык – бакандардан тиреп, үстүнө чөптөн жаап жасалган утурумдук алачык.

ӨРҮМДҮН ТҮРЛӨРҮ

Үч өрүм – бул кадимки үч тал көктөн өрүлгөн өрүм. Үч өрүмдө тилим көктөр эки колго бөлүнүп алынат да, бир талы бирде оң колго, бирде сол колго өтүп өрүлүп отурат. Мында көктүн саны аз болгондуктан, жалпак тартып жана ичке болот. Андай өрүм менен, көбүнчө, балдар минчү тай-кунандар үчүн дээрлик бардык жүгөн-куюшкандар ж.б. боо-чуулар өрүлөт.

Беш кашка өрүм – бул беш тал көк менен өрүлөт, үч өрүмдөн жазы болот. Анда беш тал көк эки колго экиден бөлүнөт да, ирети менен жазы тартып өрүлөт. Өрүм бүткөн соң, анын эки четки кырлары жана үстү сыдыргы менен сыдыргыланып, кыргак чыгарылат. Көк чылгый болгондуктан, катып кургаган соң, өрүмдүн четтери кыргактуу болуп жакшы көрүнөт. Бул өрүм менен чоң аттар үчүн жүгөн-куюшкандар ж.б. боо-чуулар өрүлөт жана үч өрүмгө караганда жазылыгы, бышыктыгы менен айырмаланат.

Терме өрүм – көбүнчө, камчы өрүүдө колдонулат. Аны он эки, кээде жыйырма төрт көк менен өрүшөт. Ошого ылайык, камчынын өрүмү ичке, же жоон болуп, «бала камчы», «жигит камчы», «мырза камчы» жана «эр камчы» деп бөлүнүп аталат.

Терме өрүмдө кабаттала алынган көк өзөк катары коюлат да, майда тилинген көктөр ал өзөктү айланта, тегерете курчала жыш кармалып, башы камчынын «алаканына» бекемделет. Көктөр эки колго теңме-тең бөлүнүп алынып, бир жагы-эриш, бир жагы-аркак болуп, бири-биринин асты-үстүнө кайчылаштырылып өрүлөт. Терме өрүмдө көктөр бири-бирине жыш кармалып, торчо катары көрүнгөнү менен айырмаланат. Ошол үчүн ал «терме өрүм» деп айтылат.

Суйсалма өрүм – терме өрүмдөн айырмаланат. Анда майда көктөр өзөк болгон көктү айланта жыш кармалбайт. Үстү менен асты жагына гана торчо түрүндө өрүлүп, эки капталынын көктөрү узунунан жаткырыла тартылат. Мындагы «суйсала» жаткан көктөрүнөн улам, «суйсалма өрүм» деп атап алса керек өрүмчүлөр. Мындай өрүм менен кыз-келиндердин азем камчылары өрүлгөн.

Жылан боор өрүм – бул өрүм кадимки жыландын терисинин түсүнө окшош өрүлөт, т.а. үстү жагы терме, ал эми асты жагы жыландын боорундай болуп, көктөр узунунан (суйсалма өрүм сыяктуу) ташталат.

Нокору өрүм (окоро өрүм «Манас» эпосунда) – берки өрүмдөрдөн таптакыр башкача өрүлөт, т.а. ал – үстү-үстүнө эки кабат болуп өрүлгөн өрүм. Демек анда катарынан өрүлгөн кадимки жазы эки өрүмдүн үстүнө дагы бир үчүнчү өрүм жаткырыла кошулуп өрүлөт. Анда үстүнкү кичи өрүм астынкы жазы эки өрүмгө бирден көгү илинип, жабыштырыла бекитилет. Албетте, бул өрүм караган көзгө кооз болуп көрүнөт жана бышык, бекем, кабелтең, салабаттуу болот.

Өрүмдүн бул түрү менен, айрыкча, мырзалар минген жабдыктуу чоң аттарга жүгөн, куюшкан жана көмөлдүрүк өрүлөт.

АЯЛЗАТЫНЫН ЧАЧ ӨРҮМҮНҮН ТҮРҮ

Беш көкүл өрүм – тестиер, жеткинчек кыздардын чач өрүмү, маңдайкы секелек чачынын өрүмү. Кээде элдик ырларда «саамай чачы алты өрүм» деген да саптар жолугат.

Кырк өрүм – саамай жана арткы чачты тал-тал кылып өрүү, «кыздын кырк чачы улуу» деген сөз ушундан.

Экиге бөлүп өрүү – турмушка чыккан келинчектин өрүмү

Чачты бир кылып өрүү – көбүнчө токтолуп калган зайыптар өрүшчү. Муну «тулум чач» деп коюшкан.

ЭЭРДИН ТҮРҮ:

Куш баш ээр – ээрдин кашын куштун башына окшоштуруп жасоо. Муну байыркы кыргыздар «кучмач ээр» деп да коюшкан («Манас» эпосу)

Ак каңкы ээр – алды жагы жазы, тегерек, кең, оймолоп, кооздоп, күмүш, темир же сөөк менен бекемделген, алтын-күмүш менен кооздолгон ээр, ээрдин өзгөчө түрү (учмач-ээрдин адам отурар жери)

Мырза ээр – алтын же күмүш жалатылган металл менен жасалгаланган кооз жана эң барктуу ээр, муну падышалар, бийлер ж.б. бийлик өкүлдөрү аргымактарына токуучу

Курама ээр – усталар өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн ээрдин башын, минер жерин же тарагын (арткы алкак жагын) ар түркүн бышык жыгачтардан курап жасаганы

Айырмач – жүк жүктөлчү ноопастарга атайын бышык жыгачтан айырмачталып, арчындалып жасалчу

Бала ээр – балдар тай-кунанга токуп мине турган кичинекей ээр

Зайып ээр – кашы атайын жапыс жасалат, ал эркектер токунчу ээрден айырмалап турат.

Орус ээр – кашы жок, жазы жана жалпак

Анжиян ээр – кооздолуп жасалган ээр

Ыңырчак – эшекке же ноопаска жүк жүктөгөндө токулган, айырмач сындуу жасалга.

КАМЧЫНЫН ТҮРЛӨРҮ

Кадимки камчы – жыгач сап (табылгы, ыргай сапталат) камчы, жөнөкөй жасалган, ар бир тоолук күндө колдонуп жүрчү камчы

Бала камчы – өрүмү ичке, сабы жеңил, жөнөкөй камчы

Жигит камчы – кызыл жана бышык табылгыдан сапталган, өрүмү терме, өзөгү бышык, он эки, кээде жыйырма төрт көктөн бышыкталып өрүлөт.

Зайып камчы – эликтин алдыңкы шыйрагын түздөп катырып саптайт, кээде белекке, сыйга тартуу кылынуучу камчы; сабын кыжым же баркыт менен капташат. Бүлдүргөсүн түрдүү жиптен кооздоп өрүп, шуру тагышат. Элик сап камчылар табылгыдан морт болот, ошон үчүн аны жигиттер эмес, кыз-келиндер камчыланганы ошондон.

Мырза камчы – күмүш сап камчы, сабы күмүш менен кооздолгон камчы, муну тоолуктар дөөлөтүнө, сөөлөтүнө жараша колдонушкан.

Карыя камчы – толгоно өскөн аза муза жыгачы сапталган камчы

Булдурсун (балбан камчы) – өрүмүнүн учуна коргошун уютулган камчы, ал элдик чыгармаларда булдурсун деп айтылат (ал кыйын кезеңде балбан менен баатырга курал болгон, ошон үчүн кыргыздарда «колуңда жүрүп билинбейт, камчыңдан башка жарак жок» деп айтылып калган). Камчынын учундагы «түйүн-түшкүн» деп аталат

(«Манас» эпосунан)

Жылкычы камчы – соп камчы, өрүмү эки-үч метрдей узун өрүлүп, жылкы айдаганга ылайыктуу камчы

Шапалак – тай же эшек минген балдар камчыланган өрүмү жок кайыш камчы.

Бир үйдөгү 9 кан:

  • аркан;
  • бакан;
  • барскан;
  • жууркан;
  • калкан;
  • карскан;
  • талкан; – чалкан; – чычкан.

ӨНӨРГӨ жана АТКАРГАН ИШИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ

ЭЛДИК АЙРЫМ АТООЛОР

Салбуурун – көп адамдар топтолуп аң уулоого чыгуу. Мүнүшкөр – куш таптаган адам

Саяпкер – күлүк таптаган адам

Чабандес – күлүк чапкан бала

Кайгуулчу – чалгынчы (кайгуул-чалгын, чалгындоо)

Өрмөкчү – өрмөк соккон уз

Зергер – алтын, күмүштөн буюм жасаган уз

Кыбачы – элдик инженер

Саймачы – сайма сайган уз

Эсепчи – элдик астролог, ай-күн эсебин алып, жылдыз санагандар

Оймочу – шырдак, ала кийизге оюу түшүргөн уз

Өрмөчү – камчы, нокто, жүгөн ж.б. өргөн адам

Ашмачы – тамак-аш жасаган адам

Бедизчи – скульптор

Тайганчы – тайган таптаган адам

Аттарчы – майда соода кылган адам

Аткезчи – контрабандачы

Чабаганчы – кабар жеткизген адам

Жуучу – куда түшүүгө барган адам

Аңчы – мергенчиликке барган адам

Жайчы – жамгыр, кар жаадыруучу сыйкыр өнөрдүн ээси

Кырмачы – жыгачтан идиш-аяк жасаган уз адам

Тузакчы – кийикке ж.б. жапайы жаныбарларга тузак салган адам

Капканчы – кийикке ж.б. жапайы жаныбарларга капкан салган адам

Касапчы – мал сойгон адам

Бөкөлчү – аш-тойдо эт бөлгөн адам

Жасамчы – эт устукандаган адам

Туурамчы – эт туураган адам

Киндик эне – төрөт кабыл алган аял

Эмчи – эм-дом түшүргөн адам

Төлгөчү – төлгө тарткан адам

Куучу – албарсты кууган адам

Ат айдоочу – күлүктөрдү чабууга айдаган адам

Даекчи – элдик оюндарда жеңүүчүлөргө берилчү даектерди (приздерди) берген адам

Батта – көкбөрү оюнунда улак ташталчу жер

Тозотчу – мергенчиликте тозотко турган адам

Айдакчы – мергенчиликте кийикти тозотту көздөй айдаган адам

Жаңдоочу – мергенчиликте тозотто отурган адамга кийикти көргөзүп жаңдаган адам

Тыңчы – шпиондук жасаган адам

Чагымчы – эки адамдын ортосундагы мамилени ар түркүн сөздөр менен бузуучу адам

Наабайчы – дандырга нан жапкан адам

Сыпайчы – суу башы болуп, суу бөлгөн адам

Кырманчы – кырман баскан адам

Калаачы – тегирменден кала алган адам

Тегирменчи – тегирмендин ээси

Нөөмөтчү – кезекке турган адам

Жолоочу – жолго чыккан, сапардагы адам

Белимчи – адамды туураган адам

Кутумчу – бирөөлөргө каршы жашыруун иш жасоого убада кылып, антташкан адамдар

Саятчы – алгыр куштарды кармоочу  адам.

Кепсенчи – эгин оруп кырманга басып жатканда үстүнө чыккан адам «кепсен» сураган нарк болгон, эгин баскып жаткан адам «кепсен» сураган адамды куру кол кайтаруу уят болгон, демек «кепсенчи» кепсен алган адам.

 

ЭЛДИК МЕДИЦИНАЛЫК ТҮШҮНҮКТӨРДӨН

Тамырчы – тамыр кармаган адам

Табып – оорулуунун дартын аныктап, дабаасын таап айыктырган адам

Эмчи – колунда эми бар жалпы эле элдик дарыгер

Домчу – балдарды балта, чот менен ырымдап койчулар

Киринечи – кирине кирип, көз тийген балдарды жоюп сакайтчулар

Дарымчы – оорулууга дарым менен эм түшүргөн адам

Бакшы – оорулууну мазарларга алпарып, шам жагып, алка кылып эм түшүрүүчү адам

Сыныкчы – адамдын сынган жана чыккан мүчөлөрүн шакшактап сакайткандар

Сөөкчү – адамдын сынган сөөктөрүн кылдаттык менен камдаштырып сакайткандар Укалоочу-ооруган муун, кол, бут ооруларын кол менен укалап сакайткандар

Кан тилгич – денеден бузук канды тилип чыгарып сакайткандар

Шакый үзгүч – адамдын башы ооруган учурда анын дартын таап, башын теңдеп, шакый оорусун айыктыргандар ;

Аначы – аялдардын төрөтү оор болгондо жардам берип, төрөтүн ар кандай жолдор менен жеңилдеткен аял;

Албанчы – адам оор акыбалга кабылганда психологиялык жардам көрсөтүп, сактап калган адам;

Тилмечи – оор жарааттарды тилип, ириң-канын тазалап, сакайткан адам;

Түкүрчү – сууну оозуна толтуруп алып, деминин күчү менен бүркүп, ысыган тапты суутуп дарылаган адам;

Көчөтчү – адамдын оорусун башка жандыкка дарымдын күчү менен көчүрүп сакайтчу табып;

Бадикчи – денеге чыккан кызыл бадикти дарымдап кубалоочу табып.

 

  1. АДАМДАРГА СЫПАТТООЛОР

Кеменгерлик – элдин, улуттун келечегин болжоп айтып, акыл-кеңеш берип, жалпы журтту оң жолго баштаган, жалпы адамзаттык жана улуттук көйгөйлөрдү акыл менен чечкен, жалпы эл сыйлаган, айрыкча сапатка ээ, лидер болгон адам.

ЭРКЕК АДАМДЫН СЫПАТТАРЫ:

Мырзалык сыпаттар:

  • салабаттуулук;
  • токтоолук;
  • сабырдуулук;
  • cыпайылык;
  • айкөлдүк;
  • кечиримдүүлүк;
  • марттык;
  • кеңпейилдик;
  • калыстык;
  • акыйкаттык;
  • ар-намыстуулук…

АЯЛЗАТЫНЫН АЙРЫМ СЫПАТТАРЫ

Башайым – падыша айым, ханыша («Манас» эпосунан) Ханайым – хандын зайыбы

Мырзайым – эркектен кем эмес, эл билген, элге кызмат кылган айым

Үй айымы – үйдө бала тарбиялап, үй тиричилигин аткарган зайып.

Ак байбиче – кадырлуу, абройлуу чоң эне, байбиче.

Айча-зайып, айча айым деп да улуу жаш аялзатын айтышкан.

Айымча – деп жаш келинди сыпатташкан.

Күнчө – кыз бала, күнчө айым деп да сыпатташкан.

АКСАКАЛДУУ КАРЫЯЛАРГА СЫПАТТООЛОР:

Карыялык сыпат – акылман, даркан мүнөз, элдинжердин камын ойлогон, салабаттуу жүрүм-турумга ээ, терең урмат-сыйга татыктуу, эл-журттун атасындай, элжурттун көркү болгон жашы улуу адам.

Бул тууралуу жазуучу О.Айтымбетов «Кара кыргыз» деген беш томдук китебинин 5-томунда мындай деп жазганы бар: «Тээ илгерки заманда карыган кишилердин баары эле «карыя» деп атала берген эмес. «Карыя» деген атак (Р.С.) – акылына сөзү, сөзүнө кылган иши жарашкан билги (акылман) карыларга гана берилген. Андай карыялар төрдөн орун алып, аябай ардакталган жана урматталган» (аталган китеп, 5-том, 40-б.).

Аксакалдык сыпат – салабаттуу айыл аксакалы, уруктун улуусу болуп, урмат-сыйга ээ, отуруш менен шериненин аксакалы катары төрдү ээлеп сый көргөн, аксакалдык кылып сөз баштап жана жол башы болуп алдыда жүргөн жашы улуу адам

Абышканын сыпаты – улуулугу үчүн урмат-сый көргөн, ак сакалы үчүн жаштар арасында улуу катары эсептелинип, оор иштен четтеп, кеңешке эмес, этке чакырылган, акыл сөз айтып элге анча деле үлгү боло албаган, жашы улуу, карапайым адам

Чалдын сыпаты – ак сакалдуу болсо да салабаты жок, жүргөн-турганы жана сүйлөгөн сөзү менен эл ичинде урмат-сыйы деле жок, жашы улуу, эл арасындагы жөн бир адам

КЕЛИНДЕР СЫПАТЫ

Кыз болбосо – келин кайда, келин келбесе-эне кайда? – дегендей, турмуштун кемеси тынбай жүрүп, жашоо токтобой уланып отурат. «Келин» деген сөздүн өзү да (түбү кел этиши) башка бүлөдөн келген, жаңы келген бүлө мүчөсү-деген маанини билдиргени менен да айрыкча көңүл бурууну талап этет. Ошол жаңы келген бүлө кандай адам болду экен, кандай үй-бүлөдө өстү экен, наркы-насили, руху-пейили кандай болду экен, «келинди келгенде көр» дегендей, келген күнү ал кандай жүзү менен эсте калды экен, жаңы бүлөгө кантип өз болуп кетер экен, же аны жаңы бүлө кантип өз кылып алар бекен? – деген турмуштук түйүндүү суроолордун болуусу менен кызыктырат.

Дегинкиси, мен келиндерди сындап, алардан кынтык издегенден алысмын. Ошентсе да, алар тууралуу турмуштагы көргөн-билгендерим менен сезген-туйгандарымдан улам, айрым бир сыпаттама ойлорумду айткым келди. Окуп-жактыргандар эсине алар, көңүлүнө туура келсе, айтылган ой-туюмдарга муюгандар болсо, күндөлүк жашоосунда эсине алып жүрөр – дедим. Турмушуна сабак, жашоосуна кеңеш болор – дедим. Жакшы сапаттарын өнүктүрүп, жаман жактары болсо көңүлүнөн кубалап, арууланып, тазаланып, барган жерин бактылуу кылып, өзү да баар таап, бактылуу эне болсо экен дедим. Анан ушул саптарды кагазга түшүрдүм. Эмесе, сөз ушул багытта болсун.

«Жаш келин»

Албетте, баары бөтөн бир үйгө кирип, отуна сыйынып, үйүнө бүлө болуп жаңы келген келинден башталат. Улуукичүүсү бөтөн, нарк-насили башка үйгө келип бүлө болуш оңой-олтоң тагдыр эмес. Ага баш иймек милдет. Кыялыжоругу жагар бекен, сөзү өтүп, ою ортого алынып, башы жаңы баткан келин ал үйгө өз болуп кетер бекен? Ал үчүн үй-бүлө күтүүгө даярдыгы кандай болду экен? Сүйлөсө сөзү, кылса кызматы орун табар бекен? Кайын эне, кайын атасы өз баласындай көрүп, бооруна тартып, кызындай кымбат көрүп кетишер бекен? «Келин жаман эмес, келген жери жаман» дегендей, жаш келинге жакшы урмат-сый көргөзүп, жакшы жүрүм-турум, таалим-тарбиясын айтышар бекен? Асыл эне, чоң эне, андан ары түп эне болуп, ушул үйдүн урпактарын, учугун улантып кетер бекен? дегендей… Аруу нур алдынан тосуп алар бекен? Мына ушундай ойлор менен жашаган, турмуштук тажрыйбасы аз. Ошон үчүн аны «жаш келин» деп мүнөздөлөрү бышык.

«Баш келин»

Бул акылы менен ойлонгон, алыс-жакынды алдын ала болжогон, үйдүн арабасын кайсы жол менен кайда тартарын колго алган келин. Ал келген үйүнүн келини гана эмес, карманар туткасы, күйөөсүнүн сырдашы, кайын энесинин сүйөнүчү, кеңешчиси, абысындарынын акылчысы, балдарынын башы. Улуулардын акылчысы, кичүүлөрдүн насаатчысы, теңтуштардын үлгүсү. Өзүнүн айланасына баарын бириктире алган дарамети, душманын да жанына тарта алган керемети бар, алардын борбору боло алган келин. Үйгө гана эмес, айылга жарыгы тиер, келген жеринин акылман энеси, турмуштун кыйрабас кемеси болор келин. Кайын эненин жардамчысы, акылчысы, кеңешчиси, оң колу. Ушул үчүн аны «баш келин» деп атайт элибиз.

ЖҮРӨКТҮН ТҮРЛӨРҮ

Эт жүрөк

Эт жүрөк-сезимтал адамдын жүрөгү. Бирөөгө эч качан жамандык кылбайт, башканын билеги ооруса, анын жүрөгү ооруп, кайгы-кубанычын тең бөлүшкөн адамдын жүрөгү. Гүлдүн бариги солк этсе, бул адамдын жүрөгү болк эткен, алыс-жакын адамга жардамга чуркаган, эч кимге, эч нерсеге кайдыгер карай албаган, кыбыраган кумурсканын буту сынганына кейиген, чакпаган жыланга жамандык ойлобогон, «тайын жеген карышкырга» кара санабаган, жерден жарака кетсе өзү аркылуу өткөргөн адил адамдын жүрөгү.

Таш жүрөк

Таш жүрөк – канкор, зөөкүрдүн жүрөгү. Эч качан эч нерсени өзүнө жакын албаган, башканын кайгы-капасы менен иши жок, кичинекей айыбы үчүн кимди болсо жазалоодон кайра тартпаган, карыптын жалынып-жалбарганына карап койбогон, зөөкүрдүгү менен наадандыгы башынан ашкан кан ичкич адамдын көөдөнүн ээлеген, таштай каткан жүрөк.

Тоо жүрөк

Тоо жүрөк – анык баатыр, арстандай шердин жүрөгү. Андай адам эл үчүн кара жанын аябаган, элдин анык баатыры, анын тагдыры үчүн өз өмүрүн кыюуга даяр. Ажыдарга жалгыз беттеген, эч кандай кыйынчылыктан кайра тартпаган, коркуу дегенди билбеген, өлөрүн да ойлобогон, «жүрөгүндө жалы бар» деп эл лакап кылган адамдын жүрөгү.

Суу жүрөк

Суу жүрөк – анык коркоктун жүрөгү. Өз көлөкөсүнөн коркуп, эч кимдин ажатын ача албаган, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болгон, ар-намыс дегенди билбеген, өл десе азыр өлүүгө даяр, басынып күн кечирген, суудан тынч, чөптөн жапыс, чындыкты айтып эч кимдин бетине чыга албаган нагыз жанбактынын көөдөнүн куру ээлеген жүрөк.

От жүрөк

От жүрөк – сүйүп жашаган, сүйүп иштеген, ынтызар адамдын жүрөгү. Андай адамдар чанда. Жүрөгү жалындай соккон, бир келген жашоонун жарпын чыгара жашаган, жашоону да сүйгөн, жарын да сүйгөн, ишин да берилип сүйгөн, ошо сүйүүсү менен өмүрдүн жарпын жазган, анысы үчүн элдин сүйүүсү менен урматтоосуна жеткен, жүзү жарык, шумкардай шаңшып, көзү жайнап, жүрөгүнүн оту көзүнөн көрүнгөн нагыз эр жана шер адамдын жүрөгү.

Муз жүрөк

Муз жүрөк – эч кимге жакшылыгы жок, мерездин жүрөгү. Колунан да, сөзүнөн да эч нерсе келбеген, же иштеп жарытпаган, кенедей жакшылык жасап, же бир туугандын, же алыс-жакын адамдын ажатын ача албаган, же ата-энени, же баланы же өмүрлүк жарын сүйүп көрбөгөн, жүзүнөн күлкү, оозунан жакшы сөз чыкпаган, «жок» деген сөздөн башка билбеген, маңдайы жазыла адамга карап, жылуу сөз сүйлөп көрбөгөн, жүрөгү муздай катып, же сөзгө же жылуу мамилеге жибип койбогон, өмүрүн көөдөй караңгы сезими менен өткөргөн, бирок өзүнөн башканы адам санабаган «жалгыз аяктын» жүрөгү.

«Ылай жүрөк»

«Ылай жүрөк» – бардык нерсеге кайдыгер, бар-жогу билинбеген, малдан айырмасы жок, жарык күндү көрүп, карды тойгонун гана билген, эч ким же эч нерсе тууралуу ойлонуп койбогон, кабакта жатса да жашоо кечирген, тирүү жүрсө санда жок бир пенденин жүрөгү.

КУЛДУН ТҮРЛӨРҮ

(Кулдук сезимдер)

Дене кул – кожоюнга биротоло берилген кул, т.а. кожоюндун менчик кулундай. Ал кожоюнуна өмүр бою кызмат кылып, анын айтканынан чыкпаган, жумшаган жагынан баш тартпай, айтканын аткарган, жашоосунда өз денесине, ал тургай өз өмүрүнө да өзү ээ эмес пенде. Кожоюнуна жанын берүүгө даяр, берген антына бекем турган, сезими жана эч кандай жеке жашоосу, жеке көз карашы жок, өз алдынча ой-максат коюп жашабаган макулук.

Күч кул – жалданып иштеп жанын баккан, кара жумушту эң биринчи милдетим деп санап, ишинен башын көтөрбөгөн, убактылуу тапкан каражаты менен күн өткөргөн пенде. Тактап айтканда, күнүмдүк эмгеги менен күн көрүп, күчүн сатып оокат өткөргөн адам.

Аш кул – эмгек кылбай, жалгыз башынын камын гана ойлогон, эч кимге эч кандай пайдасы билинбеген, караанынан башка эч нерсеси жок, кара курсагы үчүн бирөөнүн көзүн карап жашаган, карды тойсо ошого ыраазы болуп өмүр кечирген пенде.

Жан кул – жан дүйнөсүнүн байлыгынан башка материалдык байлыгы жок, өзүнүн адамдык, улуттук сезим-туюмун, өз ишеними менен көз карашын жоготкон, улуттук тамырын унутуп, башканын дини менен дилин тутунуп калган, анык маңкурт. Кээде мамлекеттик машинанын тескери талаптарына да сөз кайрып койбой, кара эмгеги менен эмес, жан дүйнө азыгы менен күн көргөн момун пенделер.

БАЙДЫН ТҮРЛӨРҮ:

Элдик бай – чыктуу бай, элге кайрымдуу бай, калкка пайдасы тийген бай, ак ниет, адилеттүү бай

Өзүмчүл бай – куржалак бай, эч кимге эч нерсе бербеген зыкым бай, «битин сыгып, канын жалаган» бай, кадимки «жер соргон» Карынбай бай

Тымызын бай – байлыгын элге көргөзбөгөн, оокатын жаап-жашырып жашаган бай

Бечара бай – байлыгынын пайдасын өзү да көрбөгөн, жан дүйнөсү жакыр бай

Текебер бай – байлыгына чиренип, башкаларды адам катары санабаган, кызматчы жумшап, аларды эзип ырахат алган бай.

«Жылаңач бай» – өзүнүн жыйнаган байлыгы деле жок, бирок биртике тапканын колу ачыктыгынан улам кез келген шартта элге чачып таштап кете берген берешен адам.

КУЛАКТЫН ТҮРЛӨРҮ:

Узун кулак – эл укпаганды угуп, эл тыңшабаганды тыңшап, көп маалыматтуу болгон, айтып берери көп адам.

Куйма кулак – эмне укса да, канча укса да, качан укса да баарын эсине сактап, эч качан унутпаган, сөзгө маани берип, сөз жыйнаган адамдын кулагы

Кум кулак – уккан сөз сезимине кирбеген, укса да сөз маанисин түшүнбөгөн адамдын кулагы

Акма кулак – уккан сөз бул кулагынан кирип, тиги кулагынан чыгып, азыр уккан сөзүн азыр унуткан адамдын кулагы

Таш кулак – канча айтса да кулагына эч кандай сөз кирбеген адамдын кулагы

Каңырыш кулак – уккан сөздүн маанисин тетири түшүнүп, жарымын укса жарымын унутуп, чала-чарпып тыңшаган адамдын кулагы

Сак кулак – керектүү кепти керектүү учурунда тыңшап угуп алган кулак

Кийиз кулак – эмне укса деле маани бербеген, жаман айтса да көңүл бурбаган, укканы уккан жеринде калган, угуп коюп унутуп тыштаган адам.

Оокат-ашына жараша үйгө берилген мүнөздөмө:

  1. Кең казан – тасмалы кенен жайылган, үй ээсинин пейили кең, берекелүү үй
  2. Тар казан – өп-чап жашаган, берсе да чүнчүтө оокат бергендин үйү
  3. Куу казан – үйүнө конок чакырбаган, пейили тардын үйү
  4. Май казан – оокаттуу, үйүнөн конок үзүлбөгөн үйгө сыпаттоо
  5. Ток казанырыс – кешиктүү, ток пейил үйгө сыпаттама

Келим-кетимине жараша үйгө берилген мүнөздөмө:

  1. Кең эшик – келим-кетими көп, ар күнү адам аягы үзүлбөгөн үй
  2. Тар эшик – коңшу-колоңдору менен киришип-чыгышпаган, өз тууганынан башка адамдар келбеген үй
  3. Куу эшик – өз үйүндөгүлөрдөн башка эч ким кирипчыкпаган, коңшулары менен таттуулашпаган, тууганга да батпаган жалгыздын үйү

Алыш-беришке жана мамилесине жараша адамга берилген мүнөздөмө:

  1. Ачык кол – берешендиктин белгиси
  2. Жумук кол – алыш-беришке жок, сараңдыктын белгиси
  3. Алтын кол – колунан көөрү төгүлгөн уста-уздарга мүнөздөмө
  4. Куру кол – колунда эч нерсеси жок адамга мүнөздөмө
  5. Туткак кол – ууру адамга мүнөздөмө
  6. Кандуу кол – кылмышкер, киши өлтүргөн кишиге мүнөздөмө
  7. Ак кол – жалкоо адамга мүнөздөмө
  8. Чаар кол – адамдын кызматына, мансабына карап алыш-бериш кылган адамдын белгиси
  9. Ала кол – көңүлү келсе берип, көңүлү келбесе бербеген, ишенич кеткен адамга мүнөздөмө
  10. Май кол – колунда бар, оокаттуу, кең пейил адамга мүнөздөмө
  11. Бүрүк кол – колунда аз, жону жука адамга мүнөздөмө
  12. Сук кол – ар кимден алгандан башканы билбеген, алайын деп эле сукулда турган, башкага бергиси келбеген адам.

Сүйлөгөн сөзүнө жараша адамга берилген мүнөздөмө:

Сары ооз – сөз биле бербеген, жаш, турмуштун ысыксуугун көрө элек жаш бала

Ачык ооз – сөздү кармай албаган, оозуна келгенин айта берген, сөзгө бекем эмес адам

Бакан ооз – ушакчы, айгак адам

Кара ооз – оозунан жакшы сөз чыкпаган адам

Кери ооз – тетири сүйлөп, ынтымакка кирбеген адам

Жалаяк ооз – ажылдап сүйлөп турган, сөз маанисин билбеген адам

Ириген ооз – оозунан уруштун, жаңжалдын сөзү чыгып, элди уруштуруп турган адам

Бек ооз – убадага бек турган адам

Бок ооз – сөгүнүп, уят сөздү көп айткан адам

Оймок ооз – анда-санда чоюлуп сүйлөгөн, сыпайы адам

Алтын ооз – нарктуу-барктуу сүйлөгөн, сөзмөр, чечен адам

Арам ооз – кутум сөз сүйлөп, эл бузган жаман адам

Жазыктуу ооз – туура эмес сөз сүйлөп жазыктуу, айыптуу, күнөөлүү болгон адам

Сасык ооз – жаман сөзү менен элге жек көрүндү болгон адам

Куру ооз – жыйында сөз тийбей калган, же тамак тийбей калган адам

Жыртык ооз – убадага турбаган, сөзгө турбаган адам

Туюк ооз – оозунан сөз чыкпаган, сөз айтканды билбеген, ишеничсиз адам

Чоң ооз – обу жок күпүлдөп сүйлөп, кылган иши жок, оозу менен орок оруп, колунан иш келбеген адам.

Сарамжалдыгына жараша мүнөздөмө:

  1. Май чөнтөк – сарамжалдыктын белгиси
  2. Кең чөнтөк – байлыктын белгиси 3. Тар чөнтөк – битирдиктин белгиси

Күйөө балага мүнөздөмө:

Кан күйөө – күйөө баланы урматтап атоо

Күч күйөө – жардылыктын айынан, оокат-ашы аз, кыйынчылыкка тушуккан күйөө бала кайын атасынын үйүндө жүрүп калуусу, малай күйөө деп да айтылган учурлар бар.

Мүнөзүнө, пейилине, пейилинин кенендигине, колунун ачыктыгына, жолдошчулугуна жараша айрым эркектерге берилген баа:

  1. Куу канжыга – талаага чыкканда пейили тарып, жолдошторунан оокат-ашын аяган эркек;
  2. Май канжыга – талаа-түздө кенен жүргөн, пейили кенен, жолдошторунан эч нерсесин аянбаган эркек.

АКЫНДАРГА СЫПАТТООЛОР:

Алтын жаак, жез таңдай – айлап ырдаса ыры түгөнбөгөн, ыры оозунан жамгырдай төгүлгөн, мөндүрдөй сабап, чарчабай ырдап, оргуштап чыгып турган, эл аралап улуу дастан «Манасты» айткандар.

Кара жаак, кайкы тил же ак таңдай – жамгырай төгүп, элдин жарпын жазып, ширин сөзү менен ырдаган, төкмөлүк, айтыш өнөрүнүн көркүн чыгаргандар, бирок, ыр көрөңгөсү жогоркулардан азыраак, улуу дастан «Манасты» айта албаган, майда элдик эпосторду эсине түйүп айткан ырчылар.

Жамакчы – элдин эрмеги болуп, жамап, уйкаштырып, кураштырып ырдагандар. (Куйручуктун айткандарынан.

Китеп: Э.Өскөналиев, «Кудай сүйгөн Куйручук»)

ЧЕЧЕНДЕРДИН ТҮРЛӨРҮ

Жорго чечен – сөзгө өтө бай, айлап сүйлөсө сөз кору түгөнбөйт, санжыраны, улама кеп менен тарыхты айтып, айткан сөзү алтындын куну менен барабар, сөздү чукугандай тапкан, катылгандын катыгын сөз менен бергендер;

Жөө чечен – чарчабай, куюлуштуруп сүйлөгөн, кызыктуу аңгеме-баяндарды кызып айткан, бирок сөз кору азыраак, айтканы жорго чечендин сөзүнөн жугумдуулугу азыраактар.

Кургак чечен – булар шатырата сүйлөп, тили буудай кууруйт, бирок сөзү кургак, айтканы супсак келет, ал көбүнесе шылдыңчыл, какшыкчыл, көп сүйлөсө да төп сүйлөбөгөн, тапан, кээде укканды тажатып жиберет. (Куйручуктун айткандарынан. Китеп: Э.Өскөналиев,«Кудай сүйгөн Куйручук»)

Акыл чечен – Акылга салып, парасаттуу сүйлөгөн, эл ортосундагы чечилбеген түйүндүү кырдаалдардын жолун таап, муюта сүйлөгөн, сөз менен кылыч чапкандай чечкен, жоолорду элдештирип, айткан сөзү кылымга айтылып калган чечендер.

Коңур чечен – көп сүйлөбөгөн, бирок төп сүйлөгөн, адамдарга чечендик сөз менен сын берген, баа берген, эл-журттун тагдыры тууралуу философиялуу ой калчап, ой толгоолорду айткан адамдар. (С.Закировдон, китеп: «Кыргыз санжырасы»)

КЭЭ БИР СЫПАТТООЛОР:

«Кандуу моюн» – адам өлтүргөн, анын айыбын тарткан, күнөөлүү киши

«Кандуу бут» – жаңы үйлөнгөн жигит

«Согончогу канабаган» – төрөбөгөн аялдын бир мүнөздөмөсү

«Аягы суюк» – жүрдөөк аялдын бир мүнөздөмөсү

«Жалгыз аяк» – өз жакынынан, өз кара жанынан башкага пайдасын тийгизбеген, жакшылык жасабаган адам, жеткен өзүмчүл адам

«Май көтөн» – өзүнөн кийин көп бир туугандары төрөлгөн бала

«Куу көтөн» – андан кийин бала төрөлбөй калса, ушинтип аташкан

«Кызыл кекиртек» – сугалак адам

«Бир ичеги» – көп тамак жебеген, арык, алсыз адам

«Кара ооз» – оозунан жакшы кеп чыкпаган адам

«Бок ооз» – уят-сыйыт сөздү көп айткан сөгөнөөк адам

«Бакан ооз» – чагымчыл адам

«Ача тил» – заар сөз адам

«Бал тил» – сөзү уккан жанды эриткен адам

«Алтын жаак, жез таңдай» – акын, төкмө адам

«Акжолтой» – кайда жүрсө жакшы ишке орток болгон, анын артынан жакшылык келген адамга сыпат

«Кара жолтой» – жүргөн жери ызы-чуулуу, анын айынан жаман иш болгон адамдын сыпаты

«Чаар баш» – ою башка, ою тескери, тескери ойлогон адам.

«Чаар ичеги» – сыртынан билинбеген, башкага билгизбей эки ача иш жасаган, арамза адам.

«Чаар көз» – арада жүрүп билинбеген, тескери көз караштагы адам.

«Кызыл камчы» – ачуулуу, урушчаак, кыялы чорт, жинди кыял неме.

«Тукуянсыз» – тууганы жок, ата-энеси, бир тууганы, ал тургай, мекени жок, тоголок жетим.

«От казан болуу» – өз ара мамилелеш үй-бүлөлөр, мамилелеш адамдар.

«Эриш бузуу» – бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуу

Орозгел – орунсуз иш кылган адамдын мүнөзүнө сыпаттама

АДАМДЫН БИЛГИЛИК САПАТТАРЫ

(педагогика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү Эсенбек Мамбетакунов агайдан)

Элбилги – эл-журтту билген, билгиликтүү, эл менен мамиле жасай билген адам.

Жербилги – жер шартын, табиятын билген, ошол аймакта жашаган адам.

Жөнбилги – адамдын көңүлүн оорутпай, чөйрөгө, абалга, кырдаалга жараша туура жүргөн, улуу-кичүүнү, алыс-жакынды, жат менен тууганды, жакшы менен жаманды, ак менен караны, турмуштагы өйдө-төмөндү ажырата билген, кайда болсо кишичилик сапатын жоготпогон, акылдуу адам;

Сырбилги – жакын санаган адамдын сырын билип, көңүлүн оорутпай, жылуу-жумшак мамиле кылган, алыс менен жакындын сырын тартып, жан дүйнөсүн оорутпаган, өзүнүн сырын алдырбай, көңүл оорутуп оргу-баргы иш кылбаган, сынын жоготпой, жүргөн жерине жарык чачып турган эстүү адам;

Ишбилги – иштин жөнүн түшүнүп, ар кандай иш болбосун көзүн билип, кеңеш айта алган, баштаган ишинин аягына ийгилик менен чыгып, улуу-кичүүгө өз үлгүсүндө мисал боло алган, акылын, кеп-кеңешин айткан эптүү адам;

Сөзбилги – оозунда сөзү бар, ар кандай чөйрөдө сөздүн ыгын билип сүйлөп, топто сөз баштап, сөз маанисин чечмейлей алган, элдик сөздөрдү кынаптап сүйлөп, сүйлөө чеберчилигинин үлгүсүн көрсөткөн, чечен сүйлөп, элге аңыз болгон, сөз баккан адам;

Колбилги – колунан көөрү төгүлгөн уста, ар кандай нерсени, буюмду жыгачтан, темирден, кийизден ж.б. өз колу менен жасаган чоң өнөрдүн ээси, элге устачылыгы менен таанылган, көпкө үлгү болгон чебер адам; Тилбилги – ар элдин, ар улуттун тилин үйрөнүп, ар өлкөдө анын тили менен баарлашып, иштеп-жашаганга өзүнө мүмкүнчүлүк түзө алган, тилдерди бат үйрөнүп, аны жашоо каражатына айлантып алганга жөндөмү чоң, азыркыча айтканда, полиглот адам.

Жолбилги – жер шартын, жол багытын билген, элди жолго баштап алып барган адамдык сапат.

Мындан сырткары:

(буларды мен уланттым)

Ойбилги – ой сырын билген, ой сырын чечип, элди жакшы жолго үндөгөн, ойчул адам.

Наркбилги – нарк билген, нарктуу жүргөн, нарктуу сүйлөгөн, элге, улуу-кичүүгө нарктуу мамиле жасаган, нарктуу кийинип, жеке үлгүсү менен өрнөк болгон, кадыр-барктуу адам.

Жанбилги – адамдын жан сырын билип, түшүнүп, изги мамилиле жасаган адам.

 

ҮЙДӨ ЭЭЛИК КЫЛГАНДАР КИМДЕР?

  1. Үйдүн ээси – үйдүн кутунун ээси, акылдын ээси, урмат-сыйдын ээси;
  2. Мүлктүн ээси – үйдөгү жылтыр-жултур оокаттын ээси;
  3. Келечектин ээси – үйдүн шамы болгон балдар менен неберелер.

Алтын жана темир

Албетте, алтын менен темир баалуулугу эки башка зат, бирок:

  • алтын саат менен темир саат убакытты бирдей эле билдирет;
  • алтын тиш жана темир тиш нанды бирдей эле чайнайт;
  • алтын калем жана темир калем менен бирдей эле жакшы чыгарма жазса болот;
  • өтүгүңдүн такасы алтын болсо да, темир болсо да, конокко кийип барсаң болот;
  • шарапты алтын чөйчөк менен да, темир чөйчөк менен да ичсең бирдей эле кайф болосуң;
  • алтын кашык менен да, темир кашык менен да ичкен тамак курсактан түшөт;
  • алтын такта отурган падыша болсоң да, темир керебетте жаткан кедей болсоң да, Кудай алдында бирдейсиң.

9. АДАМДАРДЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИ

САЛАМ АЙТУУ МАДАНИЯТЫ

Саламдашуу – адамдык ариет. Саламдашуу – нарк;

Саламдашуу – адамдык парыз;

Саламдашуу – каада; Саламдашуу – адеп-ыйман; Саламдашуу – маданият.

Салам айтпай, сөз баштабайт.

Саламдашуунун эң жакшысы – жылмаюу.

Ата-бабаларыбыз салам айтканда: «Арыба»! «Арыбаңыз»! «Арыбаңыздар!» деп кайрылган.

Жооп катары: «Бар бол»! «Бар болуңуз»! «Бар болуңуздар!» – деп айтышкан.

Адамдын да, улуттун да маданияты саламдашуудан башталат.

Ким кайсы тилде саламдашса, ал ошол элдин наркына кызмат кылат. Ким биринчи озунуп салам айтса ал соопту көп табат.

КИМГЕ КИМ САЛАМ АЙТАТ?

Ата-энеге бала салам айтат; Улууга кичүү салам айтат.

Үйгө кирген киши үйдөгүлөргө салам айтып кирет. Жол боюнда турган адамга жолоочу салам айтат. Топ адамдарга келип кошулган адам салам айтат.

Жөө адамга атчан адам салам берет.

Өйдөтөн келаткан адам ылдыйтан келатканга салам айтат. Оорулууга соо адам салам айтат.

Бейтааныш адамга кайрылганда, адегенде, өзү салам айтып кайрылат. Бир үйдө жатып, мурда ойгонгон адамга кийинки ойгонгону салам айтат. Кыз кишиге жигит салам айтат;

Жүгү бар адамга жүгү жок адам салам айтат.

КИМГЕ КИМ ЖОЛ БЕРЕТ?

Улууга кичүү жол берет.

Оорулууга соо жол берет.

Ылдыйтан келатканга жогорудан келаткан жол берет.

Эркекке аял жол берет.

Кирип келатканга чыгып келаткан жол берет.

Жүгү бар адамга салт адам жол берет.

Шашкан адамга жай адам жол берет. Конокко үй ээси жол берет.

БАТА БЕРҮҮ МАДАНИЯТЫ

Бата – адамга Улуу Кудайдын атынан, анын ырайымдуулугу менен мээримдүүлүгүнөн улам берилүүчү жакшылыктардын, ийгиликтердин, бакыт-таалайдын, ырыскынын ж.б. ачкычы, алар келүүчү ооматтын себепчи сөзү, касиеттүү сөз, Кудайдын атынан айтылуучу сөз.

Бата – ак бата, тескери бата болуп бөлүнөт жана какшык иретинде да айтылат.

Бата алуу, бата суроо – Жаңы төрөлгөн балага өмүр тилеп, бешикке салганда ырыскы тилеп, тушоосун кескенде кең келечек тилеп, тасмалга береке тилеп, жаңы үйлөнгөндөргө ынтымак-бакыт тилеп, жолго чыккандарга узак жол тилеп, ишинин жүрүшүн тилеп, ж.б. жакшылыктарды тилеп улуу Кудайдан, элден бата алуу. Негизинен, Кудайдан бата суроо.

Бата берүү – Бата берүү өтө чоң иш, өтө жооптуу иш, бата берген адам – өтө жоопкерчилик менен Кудайдын атынан бата берет. Адам, пенде эч кимге, эч качан Кудайдын атынан эч нерсе бере албайт. Ошентсе да, Кудай Таала касиеттүү жараткан адамдар, Кудай касиет берген кут кармаган адамдар бата беришсе болот. Анда ал адам Кудайга арачы түшүп, пендеге жакшылык берүүсүн сураган таризде бата бериши мүмкүн. Андай учурда бата алган адамга сөздүн касиети, батанын керемети күч-кубат берип, сөздүн күчү анын жан дүйнөсүн тазартып, жолу ачылып, көзү ачылып, иши илгерилеп, Кудай өзү жылоолоп, күтүүсүздөн жакшылык келет, демек бакытка туш болот, колуна бакыт конот.

Бата тилөө – бул улуу адам, касиеттүү ак сакалдар, карыялар, эл атасы, журт атасы, үйдүн ак сакалы, айылдын карыясы кичүүлөргө Кудайдан жакшылык тилөөсү, Кудайдан пендеге жакшылык ыроолоосун тилеп, суранышы.

Ак бата – карыянын ак тилек менен бата берүүсү, бата берген адамга Жараткандан жакшылык тилөө, узак өмүр тилөө, мол ырыскы тилөө, эл ичинде аброю көтөрүлүп, даражасы бийиктеп, бактылуу жашоосун тилөө; алкышын, тилегин, каалоосун билдирүү; мындай баталар: дем-күч, кубат берүүчү, кайрат берүүчү, колдоочу, оң баа берүүчү, оң таасир берүүчү мүнөздөргө да айрыкча эгедер болот;

Какшык бата – кырдаалга жараша адамдар бири-бирине каймана түрүндө бата берип, жеке мамилесин билдириши (Мисалы, КРнын Эл жазуучусу К.Ашымбаевдин «Даанышмандык дарстарында» таразачыга карата мындай деп айтылган бата бар: «Кылтыңдама таразаң менен кылым жаша да, бези алынбаган май аша, таразаңдын ташы жонуңа консун, жонуңдан түшпөс жолбун үйүң болсун!» );

Тескери бата – бул каргышка тете көрүнүш, тескери бата берип, адам өзүнүн катаал мамилесин билдириши. Буга «Курманбек» эпосундагы Курманбек баатырдын атасы Тейитбектин тетири батасы мисал боло алат.

КОНОК КҮТҮП, ТАБАК ТАРТКАНДА

Аксакал табак – көпчүлүк чогулуп, той-топур болгондо ак сакал карыя отурган топко өзүнчө көңүл бөлүнүп, сыйлуу устукан кошулуп табак тартылат.

Куда табак (Уча табак) – бул нарк Ысык-Көл аймагында көп байкалат. Куда тараптан он бешке жакын адамды өзүнчө бөлүп, урмат-сый иретинде уча баштаган сыйлуу устукандар тартылат.

Жандоочу табак – Куда табакка кошумча, Куда тараптын кадырлуу адамдарын бөлүп, уча табакка жандооч, кошумча тартылган сыйлуу табак;

Жээн табак – таякеси той бергенде жээндин салган салыгы, бирок жээн ага ылайык өз сыйын көргөзөт.

Күйөө табак – күйөө баланы жана күйөө жолдошторун, досторун сыйлап, сыйлуу устукандар менен тартылган табак. Бул учурда Талас тарапта көп колдонулат.

Толгоо табак – келин алган тараптан, уулдун энеси, келиндин энесине «кызыңды төрөгөндө толгоо тартып кыйналдың эле» деп кудагыйына атайын чүйгүндөп табак жасатып тартуусу (бул «толгоо табак» түшүнүгү этнограф Амантур Акматалиевден алынды)

АНТ ТУУРАЛУУ

Ант – адамдын өзүнөн башканын алдында же улуу жараткан Кудайдын алдында сөз берүүсү. Ал сөзсүз аткарылууга тийиш болгон күчтүү убада, бүтүм, мыйзам. Антсөз күчүнүн туу чокусу.

Анттын күчү – анын айтылуу деңгээлдеринен байкалат. Алар: макулдашуу, убадалашуу, сөз берүү, сөз бекитүү, антташуу, шерттешүү, касам ичүү болуп мүнөздөлөт. Ал эми, ант берүү эки формада: оозеки жана жазуу түрүндө берилет.

Ант кантип берилет:

  • кол алышып антташат;
  • буудай тиштешип антташат;
  • нан тиштешип антташат;
  • билегинен кан чыгарып антташат;
  • чыбык кармашып антташат;
  • камчы кармап антташат;
  • кылыч өөп антташат;
  • кылыч жалашып антташат;
  • ок тиштешип антташат;– мүрзө айланып антташат;
  • канга кол салып антташат.

Бул тууралуу «Манас» эпосунда да айтылат.

Мисал келтирели:

Ак буудай унун чайнашып,

Кылычтын мизин жалашып,

Чын убада кылышып,

Кармап алып чыбыкты,

«Ортосунан кыйышып…»

(«Манас», Сагынбайдын варианты, 545-б.)

Ант кайсы учурларда берилген:

  • достошкондо берилген, ал достук ант болот;
  • сүйүшкөндөр антташкан, ал сүйүү анты болот;
  • үйлөнгөндөр ачка-токто, барда-жокто, оору-соодо бирге бололу деп антташкан, бул үйлөнүү анты, нике анты болот;
  • армиянын катарына келгенде берилген, ал аскердик ант болот;
  • хандыкка көтөрүлгөндө эл алдында ант берген, ал хандын анты болот;
  • адамдар орчундуу бир кырдаалдарда Кудай алдында ак, адилет болууга ант беришет.

Анттын күчү – ант берген адамдын тайсалдабай, артка кайтпай бек туруусунда, айтканын милдеттүү түрдө аткаруусунда.

Анттын сыры – сөзү менен бирге анын жаны, башы кеткенинде.

Анттын мааниси – адамды сөз менен байлоо, мамилени сөзү менен бекемдөө.

Анттын үлгүлөрү: Манастын анты, Курманбектин досу Аккандын анты, Олжобай менен Кишимжандын бирибирине берген анты, Аскердик ант, Гиппократтын анты, Президенттин анты ж.б.

 

ТООЛУК КЫРГЫЗДАРДЫН КАМЧЫНЫ КАРМАП ЖҮРҮҮ МАДАНИЯТЫ

Камчыны кармап бөйрөк таянбайт, ал: эң жакын, таянарынан айрылгандын белгиси.

Камчы менен жер таянып өбөктөбөйт, ал: өтө мүңкүрөп, кайгыруунун белгиси.

Камчыны бүктөй кармап үйгө кирбейт, ал: доосу бар, чечилбеген чатагы, өчү бар экендигинин белгиси.

Камчыны сүйрөй кармап үйгө кирбейт, ал: урушууга, чатакташууга келгенинин белгиси.

Камчыны кармап адамды көрсөтпөйт, ал: көрсөтүп жаткан киши менен мамилеси начар, анда өчү бар экендигинин белгиси.

Камчыны кармап адамды зекибейт, ал: эки адамдын мамилесинин начардыгынын, аны менен чатакташууну каалаганынын белгиси.

Жигиттер камчы кармап антташат, ал: мындан ары урушпай-талашпай, бекем ынтымакта болууну каалагандыктын белгиси.

Камчы менен адамга тап бербейт, ал: урушууну, чатакташууну, мамиленин начардыгын белгиси.

Сүйлөшүп отурганда камчыны ортого таштабайт, ал: чечилбеген маселенин, өчөшкөн, чечилбеген доонун белгиси.

Үйгө киргенде, камчыны кире бериштеги ыңгайлуу жерге бүктөй кармап илип коюп кирет, ал: тынччылыктын, бейпилдиктин, маанайдын жана мамиленин өз ордунда экендигинин белгиси.

Камчыны колтугуна кысып алып үйгө кирбейт, ал: билинбеген жашыруун сыры, жашырган чыры бар экендигинин, койнуна котур ташын жашыруунун белгиси.

Камчыны өтүктүн кончуна сайып жүрүү – ал кокустан катылган бирөө болсо, кармашууга даяр экендигинин, чөйрөнүн тынч эмес экендигинин, барган жерине шектенип жүрүүнүн, өзүнүн да кыялы чатак экендигинин белгиси.

Камчыны моюнга илбейт, ал: кулчулуктун, чоң күнөөлүү болгондуктун белгиси, айыпка жыгылуунун белгиси.

Камчы менен жыланды чаппайт, ал: жылан менен арбашып, өчөшпөгөндөн кийин аны камчы менен тап бербейт.

Камчыны жерге таштабайт, дайыма бийик жерге илип коёт, анткени камчы колдо курал, жигитке көрк.

Эр жигит өз камчысын башка бирөөгө бербейт жана сатпайт, анткени, камчы – намыс, камчы – бедел.

Камчыны отко жакпайт, анткени – камчы – касиет, камчы – ыйык буюм.

КИМДЕН ЭМНЕ АЛАТ?

Карыядан бата алат,

Устаттан таалим алат,

Ата-энеден энчи ала,; Чеченден сөз алат,

Акылмандан ой алат,

Улуудан устукан алат,

Уткан мөөрөй алат,

Уткандан соогат алат, Кырманчыдан кепсен алат.

Базарчыдан базарлык алат,

Тегирменчиден кала алат,

Мергенчиден шыралга алат,

Соодагерден чотур алат

Отомчудан чокой боо алат;, Согумчудан кол кесер алат,

Устадан наркескен алат,

Касапчыдан ар кескен алат,

Чүкөчүдөн чүйрүм алат,

Бөкөлчүдөн ооз майлоор алат,

Жоготкондон көз май алат,

Уурудан ооз басар алат,

Жолоочудан учук алат,

Доолудан барымта алат,

Кылмыштуудан кесим алат,

Кастарлагандан тартуу алат,

Алармандар үстөк алат,

Өнөктөштөн  алгоо алат,

Карыптан ыраазычылык алат,

Жүргүнчүдөн жол акы алат,

Жаздыргандан кол акы алат,

Кызын бергенден сүт акы алат,

Бөлүктөн шыбага алат,

Тапкан олжо алат,

Той бергенден кешик алат,

Кошунадан өрүлүк алат,

Бала көргөндөн көрүндүк алат,

Сүйүнчү айткан сүйүнчү алат,

Даекчиден байге алат,

Жуучудан ооз майлоо алат,

Кудадан калың алат,

Байдан үлүш алат,

Төркүндөн байлооч алат,

Бей-бечара садага алат,

Топуктуу канагат алат, Буюрган аманат алат…

КАЙСЫ УЧУРДА ЭМНЕ ДЕП АЛКАЙТ?

Иштеп жаткандардын үстүнөн чыкса: «Иш илгери болсун!» – дейт.

Той үстүнөн чыкса: «Той маарек болсун!» – дейт.

Топ үстүнөн чыкса: «Топко береке берсин!» – дейт.

Айттагандарга: «Айт маарек болсун!» – дейт.

Эгин оргондун үстүнөн чыкса: «Орум көбөйсүн!» – дейт.

Уй же бээ саап жаткандардын үстүнөн чыкса: «Саан көбөйсүн!» – дейт.

Эгин баскандын үстүнө чыкса: «Береке чечке!» – дейт.

Өлүктүн үстүнөн чыкса: «Арты кайырлуу болсун!» – дейт.

Көзү өткөн маркумга: «Кудай бейишинен орун берсин!» – дейт.

Батанын үстүнөн чыкса: «Куран (бата) кабыл болсун!» – дейт.

Намаз окугандарга: «Намазың кабыл болсун!» – дейт. Орозокечке: «Орозоң кабыл болсун!» – дейт.

Оорунун үстүнө чыкса: «Кудай дартыңдын дабаасын берсин!» – дейт.

Оюндун үстүнөн чыкса: «Улууңар утсун!» – дейт.

Көчтүн үстүнөн чыкса: «Көч көрктүү болсун!» – дейт.

Жаңы конуш алгандарга барса: «Конуш жайлуу болсун!» – дейт.

Түлөөнүн үстүнөн чыкса: «Түлөө кабыл болсун!» – дейт.

Жолоочуга жолукса: «Жол болсун!»  – дейт.

Узак жолго узатарда: «Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун!»  – дейт.

Тамак жеп жаткандардын үстүнөн чыкса: «Аш болсун!» – дейт.

Эртең менен: «Күнүң куттуу болсун!»  – дейт.

Кечинде: «Кечиң көңүлдүү болсун!»  – дейт.

Түндө: «Түнүң бейпил болсун!»  – дейт.

Өнөрлүүгө: «Өркөнүң өссүн!»  – дейт.

Куда түшүп келгенде: «Кулдугубуз бар!»  – дейт, ага жооп катары: «Кулдугуңар Кудайга!»  – деп айтат.

Жаңы үйлөнгөндөргө: «Куш бооңор бек болсун!»  – дейт.

Уулун үйлөнтүп, келин алгандарга: «Коңшу куттуу болсун!»  – дейт.

Жалпы эле жаш жубайларга: «Алганың менен тең кары!»  – дейт.

Жүгүнгөн келинге: «Кудай тилегиңди берсин!» – дейт.

Балалуу болгондо: «Бешик бооңор бек болсун!» – дейт. Жаңы кийим кийгенде: «Курлук болсун!» – дейт.

Жаңы кызматка киргенге: «Кызмат ордуң куттуу болсун!» – дейт.

Түш жоруганда, жакшы түш болсо: «Түшүң түш болбой, туш болсун!» – дейт, жаман түш болсо: «Түшүң түлкүнүн богу, аккан суу менен кетсин, соккон жел менен кетсин!» – дейт.

Күрөшкө кирген жигитке: «Жигиттин пири Шаймерден колдосун!» – дейт.

Күрөштөн жыгылганга: «Жыгылсаң жер көтөрөт!»  – дейт.

Өзү жыгылып ыйлаган балага: «Өзү ыйлаган бала таз болот!» – дейт.

Өзү тийишкенге: «Өзү катылган-ыйлабас!» – дейт.

Жакшылык жасаган адамга: «Ыракмат!» дейт, «Ыракмат» дегенге: «Кудай жалгасын!» – дейт.

Куран окулуп, мисалы: ата-энесине багышталып мал союлуп жатканда: «ЖаныЖаратканга, сообу ата-энеме тийсин!» – дейт.

ЖИГИТТИН БЕШ ЖУРТУ:

Ата Журту – жигиттин туулуп-өскөн жери, ыйык мекени, асыл журту

Таеке журту – таеке-пир, эр тайын тартат, демек таеке журту айрыкча бааланат

Кайын журту – өмүрлүк жардын ата-энеси, туугануругу, жалпы кайындары

Дос журту – кыйбас достун мекени, жакшы дос жанга шерик деген, бирөө менен дос болсоң, анын бүтүндөй эли-журту менен дос болгондой болосуң, андыктан достун жери да өтө урматталат!

Устат журту – билим алып, илим үйрөнгөн жер, илимбилим берген устатынын жери, мекени. Эзелтен аалымдар илим-билим алган жерин ыйык тутуп, аты-жөнүнө ал жердин атын кошо жаздыруу салтына айланган. Мисалы: Жусуп Баласагын (Баласагын шаарына байланыштуу), Махмут Кашкарлык (Кашкар шаарына байланыштуу). Ал тургай, кадимки каардуу Темирлан өзүнүн устаты жашаган шаардын жанынан түн ичинде армиясы менен өтүп баратканда, устатын ойготуп тынчын албасын үчүн бүтүндөй армиясын аттан түшүрүп, жөө өткөргөн экен.

ТӨРКҮН ДЕГЕН ЭМНЕ?

Төркүн – Көчмөндүү шартта кыз алыстан ат арытып ата-энесинин үйүнө келгенде, аны ата-энеси, бир туугандары ардактап тосуп алышкан. Айрыкча, кышкы суукта үшүп-кыйналып келген кызды боз үйдүн эң сыйлуу ордубоз үйдүн төрүндөгү түндүктөн күн нуру түшүп турган жерге жылуулап отургузушкан. Ошол төрдөгү күн нуру түшкөн жер – төркүн (төр+күн) деп аталган.

ЭМНЕДЕН ЖЫГЫЛСА:

Аттан жыгылсаң, жалын төшөйт: жакшы ат үстүндөгү ээсин жыкпайт, жаман-жолдордон сактанат, жыкса да аман калат, анткени жакшы ат ээсине берилип жашайт

– деген ишеним;

Уйдан (өгүз, бука) жыгылсаң, мүйүзүн тосот: уй баласы морт болот, жаман жолдордо жакшы баса албайт, ойт берип үстүндөгү адамды жаман жолдо жыгып кетет дегени;

Эшектен жыгылсаң, туягын тосот: эшек ансыз деле кашаң келет, ошентсе да, кээде так секирип, үстүндөгү жүгүнөн кутулуш үчүн, минген баланы жыгып кетет.

10. МАЛ-ЖАНГА БАЙЛАНЫШТУУ АЙТЫЛГАНДАР

Ылоо – жалпы жонунан алганда, минүүчү жана жүк жүктөлүүчү жылкы, уй баласы жана башкалар.

ЖЫЛКЫНЫН ТҮРҮ

Дулдул – чыдамкай, күлүк жылкы. Аргымак алыска чуркаса арыбас ат, күлүктүн мыктысы. Тарпаң начар, чабал, кашаң, жапайы ат.

Казанат – өтө чыдамкай, күлүк жана күчтүү ат

Тобурчак – таза кандуу жылкынын тукуму («Манас» эпосунан)

Сай күлүк – чыгаан күлүк («Манас» эпосунан)

Жезбилек – асыл тукум жылкынын түрү («Манас» эпосунан)

Үкү аяк – бакайы жүндүү күлүк ат («Манас» эпосунан)

(Туу жыгар күлүк байге алган бардык эле күлүккө берилген баа, айтылар мүнөздөмө, наркта: күлүк алдыга чыгып марага келгенде керилген жипти үзүп, сайылган тууну жыгып өтөт.)

ЖЫЛКЫНЫН БАСЫГЫ:

Жай басык – шашпай жай жүрүү

Илең басык – чарчаган аттын, бирде токтоп, бирде илкип, басар-басмаксан болуп басышы (кемпир бастырыш)

Желме басык – бирде шашып, бирде жай, бирде желип жүрүшү (келин бастырыш)

Адыраң басык – бирде шашып жүгүрө – жорто, бирде камчы берип, бирде темине бастыруу (боз балдардын жүрүшү)

Жайкама басык – көрктүү басык, ылдам басык (карыя бастырыш)

Шайдоот басык – көңүлдүү, жакшы аттын басыгы, жеңил жүрүшү бар аттын ылдам басыгы (мырза жүрүш)

Текирең-таскак – тез, шашып жүрүү, чабарман бастырыш

 

ЖОРГОНУН ТҮРҮ:

Жол жорго – жолдо үстү жумшак, жүрүштүү жылкы

Кой жорго – жумшак жүрүш салган, жакын жерге жүргөн жорго

Чапма жорго – аралаш жүрүш салып, кээде жаңылып, арыштап чуркаган жорго

Терме жорго – жаңылбай тынч жүргөн, арышы майда жорго

Чайкама жорго – катуу жүргөн, арышы катуу жорго

Жылжыма жорго – бир калыпта, эч жаңылбай, өйдөылдыйга бирдей жүргөн жорго

Суу жорго – чарчап-чаалыкпаган, суудай куюлуп алыска жүргөн, жоргонун эч нерсе тең келгис мыктысы.

 

ТӨРТ ТҮЛҮК

Жылкы

Уй

Топоз

Жандык мал (кой, эчки)

МАЛ-ЖАНДЫН КҮЛҮГҮ

Жылкынын күлүгү – тулпар

Уйдун күлүгү – шүдүңгүт

Төөнүн күлүгү – желмаян

Качырдын күлүгү – дулдул

Адамдын күлүгү – жөө күлүк

 

МАЛДЫН ЖАШЫ

Төөнүн жаш-курагына жараша аталыштары

Жаңы туулганы бото

  • жашары тай тайлак
  • жашары кунан тайлак
  • жашары бышты тайлак, анын ичинен, ургаачысы каймал.
  • жашары асый, анын эркегинен, бычылганы нар (шуудур – «Манас» эпосунан), («макал: «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл») бычылбаганы – буура («Манастан»: Карысам да карпаңдап, карт буурадай тарпаңдап…»), ургаачысы – инген (Элдик поэмадан: «Ботосу өлгөн ингендей, ботом, боздотуп кеттиң, Карагул ботом»).

Лөк бир өркөчтүү төөнүн эркеги

Атан бычылган төө (бир канча асый кези)

Жылкынын жаш-курагына жараша аталышы:

Жаңы туулганы кулун 6 айлыгыжабагы

  • жашары тай
  • жашары кунан
  • жашары бышты
  • жашардан ары асый (1 асый, 2 асый, 3 асый ж.б.)

Уй баласынын жаш-курагына жараша аталашы:

Жаңы туулганы музоо

  • жашары тай торпок
  • жашары кунан торпок
  • жашары эркеги: бышты букачар, биттелгени: ноопас, ургаачысы: кунажын
  • жашары эркеги: асый бука, биттелгени-асый өгүз, ургаачысы-асый уй (1 асый, 2 асый, 3 асый ж.б.)

Жандык малдын жаш-курагына жараша аталышы:

Жаңы туулганы: койдуку – козу, эчкиники – улак

  • жашары койдуку – токту, эчкиники – чебич (кысыр калды)
  • жашары койдуку – кунан кой, эркеги: кунан кочкор, биттелгени: шишек, эчкиники: эки кар баскан эчки, эркеги: биттелгенисерке, биттелбегенитеке.
  • жашары 3 кар баскан кой, 3 кар баскан эчки, 3 кар баскан теке, 3 кар баскан ирик, 3 кар баскан эркеч… ж.б.

ЖАНЫБАРЛАРДЫН БАЛДАРЫ

Жылкы баласы – кулун

Кой баласы – козу

Эчки баласы – улак

Уй баласы – музоо

Топоз баласы – мамалак

Эшек баласы – коделек, такай

Тоок баласы – жөжө

Чымчык баласы – балапан

Чычкан баласы – чый Мышык баласы – мый

Ит баласы – күчүк

Элик баласы – чаарчык

Кийик эчкинин баласы – улак

Илбирс, жолборс баласы – күчүк

Аюу баласы – мамалак

Коён баласы – бөжөк, коёнек

Карышкыр баласы – бөлтүрүк

Суур баласы – чөндөлөй

Түлкү баласы – бачик

Кашкулак баласы – бөрсөлөй Сүлөөсүн баласы – мышык

ПИРЛЕР

Акылмандыктын пири – Бакай ата

Дыйканчылыктын пири – Баба Дыйкан

Күүнүн пири – Камбаркан

Жоокерчиликтин пири – Кырк чоро (Кырк чилтен)

Оттун пири – Очок Эне (От эне)

Тоонун пири – Тастар Ата

Жылкынын пири – Камбар ата

Койдун пири – Кочкор ата

Эчкинин пири – Чычаң ата

Уйдун пири – Ойсул ата

Төөнүн пири – Желмаян

Кийиктин пири – Кайберен

Иттин пири – Кумайык

Куштун пири – Буудайык

Суунун пири – Сулайман

Жигиттин пири – Шаймерден

Ырчынын пири – Жаш Айдар

Устанын пири – Дөөтү ата

Жыландын пири – Шахемардан

Жолдун пири – Жоламан

Дарыгердин пири – Улукман

Теректин пири – Байтерек

Сүйүүнүн пири – Жусуп менен Зулайка

Жылдыздын пири – «Үркөр Ата» Бакшылыктын пири – Актайлак

Жамгырдын пири – Күлдүр Ата

Шамалдын пири – Жел Кайып

Дарактын пири – Бай Терек

Бакыттын пири – Дөөлөт Куш

Чүкө оюнунун пири – Какчеке

Күлүктүн пири – Тулпар

Намыстын пири – Ак Бугу

Казан-аяк пири – Бүбү Батма Аңчылыктын пири – Куланчы

Кара ниеттиктин пири – Жез Тырмак (Желмогуз).

11. УЛУТТУК ОЮНДАР

Ат оюндары:

Көк бөрү

Ат чабыш

Кунан чабыш

Тай чабыш

Жорго салыш

Кыз куумай

Жамбы атмай

Күч оюндары:

Эр эңиш

Эр сайыш

Балбан күрөш

Аял күрөш

Бала күрөш

Кол күрөш

Чыпалак тартыш

Кол тартыш (таяк тартыш)

Шамдагайлык оюндары:

Жөө жарыш

Шабият

Таз чапмай

Акыл оюндары:

Тогуз коргоол Чатыраш

Айтыш оюндары:

Акыйнек

Сармерден

Ыр-кесе

Балдар оюндары:

Ак чөлмөк

Топ таш

Жашынмак

Селкинчек

Алты бакан

Токту сурамай

Бөрү чапмай

«Уюм тууду»

Дүмпүлдөк

Жоолук таштамай

Алтын шакек

«Ак терек-көк терек»

 Жылдыз санамай

Качмай топ

Чикит

Сөөмөй жашырмай

Оромпой тепмей

«Опоң-чычаң»

Пара тепмей

Илмей оюн (жип менен ойноо)

Кумалак жашырмай

Көз таңмай

«Күзгү-тарак»

Жарышмай

Табышмак айтышмай Жаңылмач айтышмай

АТ ОЮНДАРЫНДАГЫ БАЙГЕЛЕР:

«Кемеге» байге – той ээси байгесин чоң саят, уткан адам байгеси менен кошо «көкбөрү» кылып тарткан улакпы, эркечпи, торпок болобу, өзү алып кетет;

«Аламан» байге – «көк бөрү» оюнундагы акыркы сайылган байге, байге менен кошо тартып жаткан улакты (эркеч, топок) кошо алып кетет;

«Шыпырмай» байге – ат чабыштагы жалпы байгени бир күчүккө берип коюу.

ЭЛДИК СПОРТКО БАЙЛАНЫШТУУ АЙРЫМ АТООЛОР

Чабандес – күлүк чабуучу бала

Саяпкер – күлүк таптоочу адам

Мүнүшкөр – куш таптаган адам (жагоолуу куш таптап жаткан кушка «көз тийбесин деп, моюнуна жагоо байлап коюшчу )

Тайганчы – тайганды үйрөтүп, таптаган адам.

Даек – жеңгек баалбанга, улак таштаганга улакчыга, күлүгү чыккан саяпкерине берилүүчү шыбага

Даекчи – шыбаганы берүүчү адам

Соогат – жеңген адамдан олжо сурап алуу

Батта – улакчылар улак таштоочу чек белги (азыр «тай казан» деп буруп айтып жүргөн түшүнүк)

ТОП ТАШ ОЮНДАРЫ

Топташ (беш таш) оюну:

  1. Бир таш – беш таштын ар бирин бирден алат; тартиби: адегенде, бирин оң кол менен алат, анан аны өйдө ыргытып, экинчи ташты жерден алат да, өйдө ыргыткан ташты ошол колу менен тосуп алат.
  2. Эки таш – бул ирет беш ташты, адегенде, экиден, акыркысын өзүнчө алуу менен ойнолот.
  3. Үч таш – мында, адегенде үч ташты бир алып, акыркысын өзүнчө алат.
  4. Төрт таш – мында төрт ташты бир алат да, андан соң бешинчисин өзүнчө алат.
  5. Шакылдак – беш ташты бирден, алаканга шакылдатып үн чыгарып алуу;
  6. Дүмпүлдөк (дүлөй) – беш ташты бирден, алаканга үн чыгарбай чогултуп алуу;
  7. Тыпылдак – улам бир ташты алып өйдө ыргытат да, кийинки таштарды алганда колду жерге тыпылдатып муштап алуу;
  8. Илмей – беш таштын төртөөнү бирден алуу жана акырында бирөөнү өйдө ыргытып, жерди сөөмөй менен сыйпап (илип) алып, ыргыткан ташты тосуп алуу;
  9. Жыймай – беш таштын баарын бир колго жыйып алуу;
  10. Көпүрөдөн өткөрмөй – сол колду жерге көпүрөдөй кылып коюп, таштарды оң кол менен сол колду айланта чачат да, аларды оң кол менен көпүрөнүн алдынан бирден шилеп өткөрүү;
  11. Үй тикмей – сол колду манжалары менен үй сыяктуу көмкөрөсүнөн коюп, таштарды оң кол менен сол колду айланта чачат да, колдун салааларынын ар биринен бирден шилеп киргизип, акырында «үйдүн ичине» чогулган ташты чогуусу менен алат.
  12. Бээ саамай – ар бир ташты оң кол менен бирден өйдө ыргытып, сол кол менен тосуп алуу, мында саалган сүт идишке түшүп жаткандай элес берет;
  13. Козу бөлмөй – адегенде, эки ташты бирден терип алат да, ал экөөнү бирдей өйдө ыргытып, ал эки ташты эми эки колго бирден бөлүп алат, калгандары да ушинтип уланат;
  14. Туумай – адегенде, бир ташты оң колго терип алат да, экинчи колго салбастан кийинкисин кошуп алып жатып, кайра биринчи алган ташты уучтан чыгарып жерге таштайт; калгандары да ушинтип уланат.
  15. Коён кулак – адегенде, оң колдун баш бармагы менен ортонун, анан сөөмөй менен аты жокту өзүнчө тийгизип баштарын бириктирет, ошондо сөөмөй менен аты жок коёндун кулагындай тикчийип калат; эми ортон жана баш бармак менен жерден бир ташты алат да, өйдө ыргытып, баягы коёндун кулагындай тикчийген жерге эптүүлүк менен кондурат; анан ал ташты кайра өйдө ыргытып туруп алаканы менен тосот; калгандарын да ошентип улантат.
  16. Эшек кулак – бир ташты оң колдун сөөмөйү жана бармагы менен чымчый кармап өйдө ыргытат да, колдун үстүн эшектин кулагындай түздөп туруп эптүүлүк менен тосот, анан кайра өйдө ыргытып алаканга тосот; калгандарын да ушинтип улантат.
  17. Гүл термей – ар бир ташты оң кол менен бирден сол колго ыргытып баарын гүл десте сыяктуу чогултуп тосот, анан чогулткан ташты жерге чогуу боюнча таштайт да, аларды ошол чогуусунан чачпай оң кол менен алат.
  18. Кичи айгыр чапчымай – жерге жайылган таштан бирди алып өйдө анча бийик эмес кылып ыргытат да, кайра чапчып тосуп алат; андан ары акыркы ташка чейин ошентип оюн уланат.
  19. Чоң айгыр чапчымай – жерге жайылган таштан бирди алып, өзүнүн башынан бийик кылып ыргытат да, кайра чапчып тосуп алат; оюн ушундай тартип менен акыркы ташка чейин уланат.
  20. Шыпырмай – жерге жайылган таштан бирди алат, анан өйдө ыргытып, калган таштардын баарын бир колу менен чогултат да, ошол колу менен мурда өйдө ыргыткан ташты жерге түшүрбөй тосуп алат.

Топташ (беш таш) оюну ушуну менен жыйынтыкталат. Аны эки же андан көп адам мелдешип ойношот. Оюндун эрежелеринин баарын ирети менен жаңылбай аткарган адам гана утушка ээ болот.

ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ

Чүкөнүн аталыштары:

Койдун чүкөсү – койгут, чоңу – сака

Эчкинин чүкөсү – эчкинин чүкөсү деп коёт, чоңу сака

(козу менен улактын чүкөсүн чымбый деп аташат)

Кийиктин чүкөсү – эңке, чоңу-сака, чүкө оюндарында 2 чүкөнүн ордуна эсептелинет. Уй баласынын чүкөсү домпой деп аталат.

Чүкөнүн конушу:

Айкүр – фигура жагы менен конгон абалы

Таа – тегиз тапан жагы менен конгон абалы

Чик – көмкөрөсүнө конгон абалы

Бөк – чалкасынан конгон абалы (Өкчөгөндө айкүр жана таа болуп көп конгон чүкөнү конончоок чүкө деп атайт)

Чүкө оюнунун түрлөрү:

  1. Ордо – «хан» деп белгиленген чүкө ортого алынып, калган чүкөлөр тегерете, ортонун борборуна топтолуп коюлат; эреже боюнча, оюнчулар «ханды» да, башка чүкөлөрдү да тегерете чийилген сызыктан чыгара атышы керек; соңунда абалак менен ким «ханды» чыгара атса, оюнду ошол утат.

(Абалак – ордо оюнундагы баш сака)

  1. Упай мында үч чүкө бир «басым» деп кабыл алынат да, чүкөлөр жерге кенен жайылат; «хан» деп белгиленген түстүү чүкөнү жанына жакын окшош конгон чүкө менен атып, башка чүкөгө тийгизбей өзүнчө бөлүп коёт; анан калган чүкөлөрдү окшош конгону боюнча «ок чүкө» менен атып, басым-басым менен эсептеп жыйнап турат; эгер оюнга он басым чүкө коюлса, жарымынан көбүн атып алган адам утат; муну «ханды ажыратты» деп коёт; калган оюн «ханы» жок улантылып жыйынтыкталат.
  2. Хан-бий – оюнга төрттөн кем эмес оюнчу катышат; өкчөгөн чүкөлөрү «айкүр» болгону «хан», «таа» конгону «бий», «чик» конгону «ууру», «бөк» конгону «айгак» аталат; кимдин чүкөсү «чик» түшсө, «бий» да, арызданып «ханга» кайрылып, ууру кармалганын билдирет, айгак күбөлөйт; «бийдин» даттанганына жараша «хан» «ууруну» жазага тартат; оюн кайра уланат.
  3. Жедирмей – адегенде, оюнга катышкандар колдо болгон чүкөлөрдү тепе-тең бөлүп алышат да, бирден чүкөлөрдү алып катары менен өкчөйт; эреже боюнча мурунку өкчөлгөн чүкөнү кийинки өкчөлгөн чүкө «жеши» керек; мында «айкүр» конгон чүкө «чик» конгонун, «таа» конгон чүкө «бөк» конгонун «жейт», ким көп «жесе», ошол оюнчу утат.
  4. «Сасыды» оюнуна экиден ашык оюнчу катышат; болгон чүкөлөрдү тең бөлүп алышат да, ортого бирден чүкө чыгарып, кезектешип калчашат; өкчөгөн оюнчу «айкүр» жана «чик» конгон чүкөлөрдү «жеген» болот, эгер «таа» консо, ортого чүкө кошуп турат; «айкүр» менен «таа» бирдей консо, «сасыды» деп аталат; анда ал оюндун уланышына убактылуу катышпайт, бирок андан кийинки оюнчунун чүкөсү «таа» консо, ал оюнга кошулат; ким көп чүкө «жесе» ошол оюнчу утат.
  5. Үч тапан оюнуна бир канча оюнчу катыша алышат; катышкан оюнчулар бирден чүкө чыгарып, баарын ортого тизишет; анан алардын ар бири кезметтешип сакаларын өкчөшөт, кийинкилери аларды кезек менен атат; өнөктөшүнүн сакасын ким «өлтүрсө», ал ортодогу чүкөлөрдү бирден терип атат; атканда «өлтүргөн» чүкөнү жана өнөктөштөрүнүн сакаларын ордунан «үч тапан» аралыгына чыгара алса, утту болуп эсептелинет; ким алардын баарын атып «өлтүрсө», ошол утат.
  6. Сака өлтүрмөй оюнда оюнчулар сакалары менен гана катышат; ким өнөктөштөрүнүн сакаларынын баарын атып «өлтүрсө», ошол оюнчу утат.

12. УЛУТТУК КИЙИМ-КЕЧЕЛЕР

КЫЗ БАЛДАРДЫН УЛУТТУК БАШ КИЙИМДЕРИ

Такыя топу – тестиер кыздардын жука топусу, анын «бүйүрмө топу», «кайырма топу», «макабат топу» деген түрлөрү болгон.

Топу үкү – топу, кыздардын жеңил баш кийими.

Тебетей – беш көкүл кыздар кийишкен, көрпөдөн, кундуздан, суусардан тигилген, көп кийилүүчү баш кийим.

Шөкүлө – кыз турмушка чыкканда кийип барат, кийин төркүнүнө кайра узатат, аны сиңдиси кийүү салты болгон.

Такыя – элечек келинчек болгондо түркүн шурулар менен кооздошуп кийишкен.

Кептакыя – элечектин жана жоолуктун ичинен кийилген жука, кездемеден даярдалган баш кийим

ЭЛЕЧЕКТИН ТҮРҮ

Такыя элечек жаш келиндердин элечеги

Казанбак элечек байбичелердин элечеги, чоң элечек

Каз элечек сыйлуу, жибек элечек

Сурп элечек ак сурп элечек

Торко элечек бул да жибектей баалуу кездемеден жасалган элечек (кыл торко жибектин түрү)

ЖООЛУК САЛЫНУУНУН ТҮРҮ

Жоолукту аркага байлап салынуу кыздардын салынуусу

Жоолукту алдыга байлап салынуу келиндердин салынуусу

ЭРКЕКТЕРДИН СЫРТ КИЙИМДЕРИНИН  АТАЛЫШТАРЫ

Ак күбө ак кийиизден жасалган, кооз жасалгалуу чепкен

Бадана бүт денени жапкан, кооздолуп жасалган, ок өтпөс соот кийим, ошондой эле, кымбат баалуу кездемеден кооздоло тигилген сырт кийим

Жекейбос баатырлар кийүүчү баалуу тон («Манас» эпосунан)

Чепкен жашы карысы баары кийишкен

Сурп чепкен барктуу чепкен, анын тепме чепкен, пиясы чепкен деген түрү бар болгон.

Чапан ичтелип, шырылып тигилген жеңил кийим.

Ичик тери ичтелип, кездеме сыртталып тигилген кийим, анын көрпө ичик, бөрү ичик, сүлөөсүн ичик, илбирс ичик, түлкү ичик, суур ичик деген түрлөрү болгон, эркек адамдар сөөлөтүнө жана дөөлөтүнө жараша кийишкен.

Тон сырты бордолуп өңдөлүп, боёлгон териден тигилген.

Кементай жүндөн кылдап уютулган, жука кийизден кештелеп тигилген, сөөлөттүү кийим. Аны кезегинде кыргыздар жоого да кийишкен. Кээде териден тигилген жука сырт кийим да кементай делинген.

Кемсел кездемеден тигилеп, ичик, чепкендин ичинен кийилген жука жана кыска кийим. Аны кийген мырзалар жарашыктуу кемер кур тагынышкан.

Кандагай шым тоо кийиктеринин, анын ичинен, багыштын калың ийленген бышык терисинен тигишкен.

Папик топ чачык. Тебетейге жана калпакка тагылган. Чачык 40,50,60тан кем эмес, чыйратылган жиптен жасалган.

Белдемчи – эркектердин белдемчилери көбүнчө жоого аттанган кезде кийилген, ал калың кийизден же, каткан териден, анан металлдан даярдалып, ичти, бутту, санды коргоо үчүн атайын тигилген.

Илепис тон эркектердин ок өтпөс сырт кийими («Манас» эпосунан)

Себил тон – жоого кийчү ок өтпөс тон.

Супа тон – ак төөнүн жүнүнөн жасалган баалуу тон.

Жагаалы – жакасы тик тон.

 

КИЙИМДЕРДИН ЖАЛПЫ БӨЛҮНҮШТӨРҮ:

Ич кийим жука ич кийимдер

Жеңил кийим көйнөк (жемпер)

Сырт кийим чыптама (костюм, пиджак)

Үстүнкү кийим бешмант, кемсел, күрмө, кементай

(куртка, плащ)

Жылуу кийим тон, ичик, чапан, ж.б.

ЭРКЕКТЕРДИН БААЛУУ ШЫМДАРЫ

Чалбартериден тигилген шым (шалбар)

Кандагай – багыштын терисинен тигилчү, согушта баатырлар кийүүчү бышык жана баалуу шым

 

АЯЛДАРДЫН СЫРТ КИЙИМДЕРИНИН АТАЛЫШТАРЫ

Чепкен – аялдардын жашы-карысы баары кийишкен, жука көрктүү сырт кийим.

Камка – алтын же күмүш жип аралаштыра согулган кездеме жана андан тигилген сырт кийим

Суп – чепкен барктуу чепкен, анын тепме чепкен, пиясы чепкен деген түрү болгон.

Чапан – ичтелип, шырылып тигилген жеңил кийим.

Ичик тери ичтелип, кездеме сыртталып тигилген кийим, анын түлкү ичик, кундуз ичик, суур ичик деген түрлөрү болгон, сөөлөтүнө жана дөөлөтүнө жараша кийишкен.

Чыптама – кош этектүү көйнөк менен кийилүүчү, жеңсиз, кыска, кымча бел, жука сырт кийим.

Белдемчи – белден ылдый, жер чие жасалгаланган кийим. Ал аялзатынын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тигилген; жаш келиндерге саймаланып, шуруланып кооздолгон, жээгине кундуз бастырылган, байбичелерге болсо, жылуулугу үчүн чүпөрөк же жука көрпө менен ичтелип тигилген.

Кош этек – кыз-келиндер гана кийген кийим, аземделип, кооздолуп, баалуу материалдардан тигилген.

Кемсел – кездемеден тигилип, ичик, чепкендин ичинен кийилген жука жана кыска кийим.

Бешмант – кемселдин бир түрү, тизеден бир аз узун, бели беш жеринен кыналып, денеге жакын, жеңдүү, жука сырт кийим.

 

ЭРКЕКТЕРДИН БАШ КИЙИМДЕРИ

Калпактын түрү:

Бала калпак – төбөсү жапыс, чекеси чийбаркыт менен капталган, жөнөкөй оюу түшүрүлгөн, чачыгы кийиздин өзүнөн жасалган калпак.

Жигит калпак – төбөсү өтө бийик эмес, чекеси баркыт менен капталып, кооздолуп оюу түшүрүлгөн, кооз чачыктуу калпак.

Мырза калпак – төбөсү бийигирээк, чекеси баркыт менен капталган, маңдай жагы мырзалык белгини билгизген оюу менен көрктөлгөн, чачыктуу калпак.

Бакай калпак – төбөсү бийик, чекеси жазы, улуттун төрөсүн билгизген өзгөчө оюу белгилери бар, кийген адам алыстан эле эл ичинен көрүнгөн көрктүү калпак.

Киш калпак – соболь (булгун, суусар тектүү) аттуу жаныбардын жүнүнөн аземделип, көркөмдөлүп жасалган калпак.

Хан калпак – төбөсү бийик, чекеси жазы, кештелип жасалган калпак.

Айчыктуу тилик калпак – маңдайы тилик, күн маңдайына тийип тургудай жасалган түрү.

Туюк калпак – маңдайы тегерек кыргакталган, жаан жааса чекеге түшүрбөөгө ылайыкталган калпактын бир түрү.

Тебетейдин түрү:

Тебетей – эң көп кийилген, жалпыга бирдей баш кийим. Ал тигилишине жараша эркектердин жаш өзгөчөлүгүн аныктайт. Мисалы:

  1. Бала тебете – кайруусу аз, сыйда көрпөдөн тигилген;
  2. Тестиерлердин тебетейи – кайруусу аз, ал дагы сыйда көрпөдөн тигилген.
  3. Уландардын тебетейи – кайруусу тигилерден чоңураак, сыйдараак көрпөдөн тигилген.
  4. Мырза тебетей – төбөсү бийигирээк, суусардын терисинен тигилип, кызыл, көк баркыт сыртталган өтө барктуу тебетей.
  5. Казанбак тебетей – карыялардын тебетейи. Кара көрпөдөн, сүлөөсүндүн, түлкүнүн терисинен тигилген, кара баркыт сыртталган.
  6. Киш тебетей – кундуздан ж.б. өтө баалуу терилерден тигилген, төбөсү чачыктуу, эл башкарган бийлер кийчү сыйлуу тебетей.
  7. Жыгалуу бөрк – бриллиант чөгөрүлгөн үкүсү бар, падышалар, хандар, бектер кийип жүрүүчү тебетей, тебетейдин эң барктуусу жана баалуусу.

Малакай – түктүү, жылбырска көрпөдөн ичтелип тигилген, жеңил баш кийим. Аны карыялар түндө жатарда башын сууктан сактоо үчүн кийишкен. Малакайды мал баккандар да жеңил баш кийим катары кийишкен.

УЛУТТУК БАШ КИЙИМДЕРДИН АТАЛЫШТАРЫ КАЙДАН КЕЛГЕН?

Калпак – калыбы ак (апаппак, турган турушу менен аппак) деген сөздөн «калпак» деген кыскача түшүнүк келип чыккан болуу керек;

Элечек – «килек», «илеки» деген сөздөн келип чыккан деп айтылат, бирок бул термин «энеге чак» деген сөздөн жаралган болуу керек;

Топу – төбө (адамдын башынын чокусу) деген сөздөн өзгөрүп (төбө, төпө, тебе, тепе) пайда болгон болгондугу ынандырат;

Шөкүлө – чоку деген сөздөн келип чыккан болуу керек, анткени шөкүлө тоонун бийик чокусундай түзүлүшкө ээ, демек, шөкүлө чокулуу деген маанини билдирет десек болот.

ЭРКЕК жана АЯЛДАРДЫН БУТ КИЙИМДЕРИ

Көк жеке – эл башкарган төбөлдөр салтанаттарда кийишкен, булгаарыдан ултарып, бышыктап тигилген, такасы бийик, арт жагына алтын күмүштөн коңгуроо аземделип тагылган.

Өтүк – өтө кеңири таралган бут кийим, такасы бар, кызыл булгаарыдан ултарып, кара кемселге күмүш кур курчанган мырзараларга айрыкча жарашкан.

Курам – маасы булгаарыдан тигилген, сыйлуу маасы.

Үпүкө – өтүк малдын ичинен ара төрөлүп же өлүү түшкөн улак козунун терисин туюк тигип жасаган бут кийим.

Наал – өтүк темир такалуу өтүк

Накер – өтүк жоокерлер кийчү өтүк, башы учтуу, кайкалата тигилген, ок өтпөс бут кийим.

Чокой – (кийиз өтүк) ак же кара кийизден чабылган, кышында жылуулук үчүн жасалган бут кийим.

Кийиз – байпак ал дагы ак же кара кийизден жука кылып чабылып даярдалган, маасынын ичинен кийилген.

Чарык – чылгый териден тигилип, малчылар кийишкен. (Бул бөлүмдү даярдоодо этнограф Амантур Акматалиевдин эмгектери пайдаланылды. Китепте: «Ата бабалар табериги», Б., 2011-ж., 325 335 б.б.)

Зайфана – кооздолуп жасалган маасы («Манас» эпосунан)

Маасы – өкчөсү (такасы) жок, булгаарыдан тамандалган, кепич менен кийилген, териден тигилген, оң-солу билинбеген бут кийим.

Кепич – булгаарыдан тигилген бүчүсү жок бут кийим, бышык болсун үчүн жылкынын тарамышы менен бекемдеп тигилген.

Эркектердин керектүү буюмдарынан:

Жеке – кайыш кур, согушта эркектер тагынып жүрчү бышык кур («Манас» эпосунан)

Жырым, жырым кур – эркектердин жалпак өрүлгөн ичке кайыш куру

Кемер кур – күмүш чегеленген, кооздолуп жасалган кур.

13. УЛУТТУК ИДИШ-АЯКТАР, ЭМЕРЕКТЕР ЖАНА УСТАНЫН КУРАЛДАРЫ

ИДИШ-АЯКТАР

Жыгач идиш-аяктар

Жыгач кашык – кайыңдан, кара жыгачтан чабылган, тамак иччү кашык.

Жыгач чөмүч – эт бышырганда шорпо сапырчу, кайың же кара жыгачтан оюлуп жасалган, кашыктан чоң идиш (Мисалы: «Кула бээм кудукка түштү, куйругу сорок дей түштү», элдик табышмак).

Жыгач сузгу – суу же сүт азыктарын куюштуруучу, кайың же кара жыгачтан оюлуп жасалган идиш.

Кол аяк – айран, кымыз иччү, чыны сыяктуу жыгач идиш (Мисалы: «Кызым кол аяк жууганга жарап калды»).

Кераяк – айран, кымыз иччү, чыны сыяктуу, кол аяктан чоңураак жыгач идиш (Мисалы: «Кераяк кымызды кош колдоп турап тартып жиберди…»)

Кесе – каймак куйчу, сары май салчу жыгач идиш.

Жыгач чөйчөк – жыгачтан оюп жасалган чакан идиш, чыны сыяктуу.

Жан аяк – конокторго эт тартчу, кенен, жыгачтан кырып жасаган, чара сыяктуу идиш.

Жан казан – жан аяктан чоң, чоң мискей (кастрюль) сыяктуу идиш («Жан казандай башы бар, жаткан иттей кашы бар, Жолой деген алпы бар», «Манас» эпосунан).

Арча – челек арчадан жасалган көнөчөк сыяктуу идиш (бээ сааганга ылайыкталган арча идиш)

Жапма – челек жарма же бозо ачытар жыгач челек

(Мисалы: «Бир жапма челек айран уюп туруптур»)

Жатаган – челек жапма челектин бир аталышы, жыгачтан кыналып жасалып, жарма, бозо ачытчу.

 

Териден жасалган идиш-аяктар

Ак кисе – кол сумка сыяктуу, жанына алып жүрүүгө ылайыктуу тери же чүпөрөк идиш, баштык («Алдей-алдей, кулунум, атаң кетти айылга, ак кисе толо эт келет, энең кетти айылга, эмчеги толо сүт келет»)

Баштык – койдун, уйдун, жылкынын башын бүтүн сыйрып, ийлеп жасалгандыктан баштык деп аталган, кийим салчу тери идиш.

Көөкөр – сый адамдарга кымыз куюп берчү, аземделип жасалган, өзгөчө жасалгасы жана формасы бар жеңил шире идиш.

Тери – чөйчөк териден туюк жасалган, чакан кол идиш, чыны сыяктуу колдонулган.

Көнөк – териден кабып жасалган чоң чака кебетеленген идиш, буга айран уютуп, сүзмөсүн салчу.

Көнөчөк – кайыштан кабып тигилген чайнек кебетеленген идиш, уй, бээ саалчу көтөрүп жүрүүгө жеңил шире (тери) идиш.

Күү челек – сүттүн каймагын чыгарганда балек менен бышып иштетүүчү оозу кууш, жыгач челек.

Кол баштык – акча-тыйын салчу, териден тигилген чакан идиш.

Күп – түбү тегерек, саптуу, ийленген териден тигилген, тоолук кыргыздардын кымыз куюучу идиши («Манастан»);

Тулуп – кышында сүзмөнү салып сактачу, сырткы жүнү алынбаган, эчкинин териси туюк союлуп ийленген тери.

Торсук – кичирээк тери идиш, жолго чыгарда эркектер буюм-тайым салып алчу тери идиш (Мисалы: «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт», ылакап.) Көбүш баштык – кездемеден же териден тигилген («Манас» эпостунан)

Окчонтой – мергенчилер ок салып жүрүүчү, куруна кошо тагынчу кайыш идиш. Муну көбүнчө, малдын табарсыгынан, эркек малдын куулугунан ийлеп жасашкан.

Үшөнчүк – эркектер балка, кычкач, шибеге, така сыяктуу нерселерин салып жүрчү жыгач же кайыш идиш.

Кол чанач – жеңил, дайыма жанга алып, канжыгага байлап, кымыз алып жүрүүчү чанач.

Улак чанач – кичинекей чанач, кол чанач десе да болот.

Серке чанач – улак чаначтан чоң, серкенин туюк ийленген терисинен жасалган чанач. Бир жакка жөнөгөндө, көчкөндө кымыз куюп, унаага артып алууга ылайыктуу.

Эркеч чанач – кымыз ачытканда колдонуучу чоң чанач.

Сабаа – уйдун терисинен атайын тигилген, өзгөчө формага ээ шир идиш.

Оттук – жыгачтан жасалган, ичине чок салма, кармагычы бар идиш; көчмөн ата-бабалар бирөөнүн үйүнөн от алганда пайдаланышчу, же ичине оттук ташын, чакмагын салып жүрүшчү.

Кийизден жасалган идиштер

Жамынчы – от алганда, жыгач идиштин үстүн жаап алышчу.

Жан баштык – аялдар буюм тайымдарын салчу кийиз идиш.

Кашык – салгыч кашыктарды көзчөлөрүнө салып, ороп коюучу кийиз кап

Чыны – кап көчкөндө чыныларын, кеселерин салып жүрчү кийиз идиш.

Аяккап – жалпы эле идиш-аяктарын салып, керегеге илип коюучу, төрт чарчылап, кооздоп жасалган кийиз идиш.

Жеңче – апалар дандырга нан жапканда колу күйбөсүн үчүн, калыңдап шырып жасалган, колдун чыканагына чейин жеткен кол кап.

Туткуч – казан кармаганда пайдаланылган жасалга.

Кийизден жасалган төшөлгөлөр

Шырдак – түркүн түстүү боёлгон кийизден кабатталып кеслип, оюу түшүрүлүп жасалган эң сыйлуу төшөлгө.

Ала кийиз – бетине түстүү жүндөн оймолонуп түр салынып жасалган, эң баалуу төшөлгө.

Таардан жасалган буюмдар

Капчык – кичине кап, таардан согулган идиш.

Кап – чоң кап кебетеленген, таардан согулган идиш (Мисалы: Таар кап таруудан экини өгүзгө артып келди).

Дорб – асынма баштык түрүндө жасалган, ичине бир нерсе салып алууга ылайыкталган идиш. Муну «ат дорбо» (ат баштык) катары көпчүлүк эл билет.

Куржун – аялдар кийимдерин салып сактачу, таардан согулган, эки көздүү идиш.

Шалча – жиптен согулган, жерге салынуучу (азыркы палас кебетеленген) төшөлгө.

ТООЛУКТАРДЫН ЭМЕРЕКТЕРИ

Секичек – боз үйдө баш кийим ж.б. жеңил кийимдерин убактылуу коё салуучу, кооздоп жасалган, чүпөрөк текче.

Үкөк – шкаф сыяктуу, идиш-аяк же башка буюм-тайым салчу, арчадан жасалчу эмерек.

Сандык – баалуу буюмдарын салчу, арчадан кооздоп жасалчу эмерек.

Жабан – арчадан жасалган, стол.

Окчонтой – мергенчилер ок салып жүрүүчү, куруна кошо тагынчу кайыш идиш.

Үшөнчүк – эркектер балка, кычкач, шибеге, така сыяктуу нерселерин салып жүрчү жыгач же кайыш идиш.

КҮНДӨЛҮК ТИРИЧИЛИКТЕ КОЛДОНУЛГАН

ТЕМИР КУРАЛДАР

Тулга – тамак жасоо үчүн казан асылуучу үч буттуу жасалга

Түпкүч – казан коюуга ылайык жасалган тегерек койгуч

Асма – чайнекке чай кайнатуу үчүн жасалган үч буттуу жасалга курал.

Калак – очоктун күлүн чыгарууга ылайыкталган темир жасалга.

Көсөгүч – от жакканда очокту көсөөчү, отунду ичкерилетүүчү жасалга

Кыргыч – казандын кырмычыгын жана да көөсүн кырып тазалоочу, саптуу, үч бурчтуу темир курал.

Дүпия – өтүктүн таманын мыктап оңдоого ылайыкталган темир жасалга

Жыгач, таш буюмдар, куралдар:

Соку буудай, таруу жана угутту ичине салып жанччу, ичи оюк буюм

Сокбилек сокуга салган буудай, таруу жана угутту күч менен уруп жанчууга ылайыкталган курал.

Жаргылчак асты да, үстү да таш, кол менен айлантып талкан тартууга ылайыкталган курал.

Тегирмен ташын суунун күчү менен тегеретип ун тартуучу курал.

УСТАНЫН КУРАЛДАРЫ

Балка – кадимки балка

Чот – майда чырпыктарды кесүүгө ылайык курал

Кычкач ысык чокту же ысытылган темирди кармоого ылайыкталган курал

Керки (кадимки керки, ийги керки)

Байтеше керкинин чоңу

Үшкү көзөгүч, аталгынын тарткычы сыяктанган кайыш тарткы менен иштеткен, учу шиш курал, бул курал менен кереге көктөгөндө жана ууктун көзөнөктөрүн тешкенде көзөшкөн (азыркыча айтканда – дрель)

Бургу – учу бурама курал

Кергич – сайма сайганда материалды керип алчу атайын жасалга

Түрпү бетинде курч быдырлары бар өгөө сыяктуу курал Бүлөө – жылмакай таштан ылайыктап жасап алган, бычак, балтаны курчутуучу курал

Тарткы – уук жасаганда жыгачты кабыгынан тазалап, тегиздөөчү ийги курча жасалга курал

Тес-уук – керегени түздөө үчүн ылайыкталган жыгач жасалга

Шибеге – учу шиш курал

Чеге – мык

Илме шибеге – учунда илмеси бар шибеге

Болчой – така жасоодо темирди согууга ылайыкталган чоң балка

Дөөшү – така жасоодо же башка буюмдарды темирден жасоодо колдонулуучу салмактуу жасалга

Чегээ – майда, кооз мык

Күрсү – темирди согуучу чоң балка, барскан

Көөрүк – темир кызытууда от коюлуучу очок

Көмүркөй – көөрүктүн көмүр салуучу чуңкур жери

Ыштык – чанач, сабааларды арчанын ышы менен ыштай турган жасалга (Чулгуур салуу – түндүккө чулгуур салуу, көзөнөктөрүн уукту жакшы кармоосу үчүн тууралоо, ошого ылайык куралды колдонуу).

Элдик дарыгердин куралдары:

Аштар, наштар – кесүүчү курч, чакан бычак, маки сыяктуу

Тинтүүр – скалпель сыяктуу курал

Тинте – шамшар, канжар

Картык – уйдун мүйүзүнөн стакан сыяктуу жасалган, жел турганда желди жана ок тийген учурда окту соруп чыгарууга ылайыкталып жасалган

Искек – пинцет сыяктуу курал.

Сапсалга – кыскыч курал, малды биттегенде колдонулган.

Чексе – дары салчу, териден ийлеп жасалган, 1 кг. өлчөмүндөгү дары же башка нерсе салчу буюм; ушундан улам салмак өлчөмүндөгү түшүнүк да бар.

Чөйчөк – таш дары ийлеп даярдоочу таштан жасалган идиш («Манастан»)

Кемчен – дарыларды пайдаланууда колдонуучу ченем идиш («Манастан»)

14. АДАМДЫН ЖАШ-КУРАГЫНЫН АТАЛЫШТАРЫ ЭРКЕК АДАМДЫН ЖАШ – КУРАГЫНЫН  АТАЛЫШЫ

Кагеленди жаңы төрөлгөн наристе («Манас» эпосунан)

Ымыркай 1 жаш

Чүрпө 1-2 жаш

Наристе 2-3 жаш

Балакай 5-10 жаш

Тестиер 10-13 жаш

Жеткинчек 13-15 жаш

Өспүрүм (Жигитек) 15-17 жаш

Боз улан 17-20 жаш

Жигит 20-35 жаш

Эр жигит 35-40 жаш

Берен 40-45 жаш жаш

Мырза 45-50-жаш

Эр ортону 50 жаш

Токтолгон кез 60 жаш

Улгайыңкы курак 70 жаш

Карыя 80-жаш

Карылык 90 жаш

Терең карылык 90-100 жаш

Көкшүн 100дөн аркы жаш

 

КЫЗ БАЛДАРДЫН ЖАШ-КУРАГЫН АТООДОГУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР

Ымыркай 1 жаш

Чүрпө 1-2 жашар

Наристе 3-4 жашар

Тестиер кыз – (топучан кыз) 5-10 жаш

Жеткинчек курак – 10-13 жаш

Секелек кыз – 13-15 жашар, секелек чачы өрүлгөн кыз.

Беш көкүл кыз – (бийкеч, тебетейчен кыз, каркыралуу кыз, 16-18 жаш)

Колукту – (шөкүлөчөн) турмушка узап жаткан кыз.

Келинчек – (келенгер чачпак келинчек) турмушка жаңы чыккан кыз.

Жубан-зайып (каз элечекчен) – балалуу болуп, отуруп калган келин.

Аял – токтолуп калган кези.

Байбиче неберелүү болуп, кадыры өтүп калган кемпир.

АДАМДЫН МҮЧӨЛ ЖАШТАРЫ

  1. мүчөл 13 жаш
  2. мүчөл 25 жаш
  3. мүчөл 37 жаш
  4. мүчөл 49 жаш
  5. мүчөл 61 жаш
  6. мүчөл 73 жаш7. мүчөл 85 жаш
  7. мүчөл 97 жаш

 

АДАМДЫН ЖАШ-КУРАГЫН МҮЧӨЛ МЕНЕН

АНЫКТОО

(Кыргыздар адам өмүрүн эненин курсагында жаткан мезгилинен тартып, аны кошо эсептегендиктен 12 жашка 1 жаш кошулуп, 13 жаш 1 мүчөл болуп эсептелинет).

12 жаштан өтүп, 13 жашка кирген маал бир мүчөл

25 жаш эки мүчөл

37 жаш толук үч мүчөл

49 жаш төрт мүчөл

61 жаш беш мүчөл

73 жаш алты мүчөл

85 жаш толук жети мүчөл

97 жаш сегиз мүчөл

Адамдын жашын мүчөл менен аныктоо кандай жүрөт?

  1. Туулган жылы кайсы жылга туура келет? (Мисалы: маймыл жылына)
  1. Канча жолу мүчөлүн өткөрдү? (Беш жолу)
  2. Эсептеп жаткан жыл кайсы жыл? (маймыл жылы + 2 жыл. Демек, ал адам 63 жашка чыккан болот)

15. ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИНЕ, ЖЫЛ ЭСЕБИНЕ ЖАНА АЙЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭЛДИК АТООЛОР

КҮН УБАКТЫСЫНЫН АТАЛЫШЫ

Талаш мезгил (таң каракчысы)

Таң ык салып – жылдыз суюла баштаган (сопу-садык) мезгил

Таң бүлбүл аткан – тараза жылдыз бата баштаган кез

Таң атып келаткан учур

Күндүн шооласы көрүнө элек, бирок жерге жарык түшкөн кез – ак шам

Таң агарган кез – багымдат

Таң аппак аткан кез

Күндүн шооласы тоо башына чачырай баштаган кез

Күндүн көзү көрүнгөн кез

Күн аркан бою көтөрүлгөн маал – жалган шашке Күн жерге жайыла тийген кез – шашке.

Күн жер бетине текши тийген кез – улуу шашке

Жалган түш

Күн төбөдөн тийген кез – чак түш

Күн төбөдөн ооп бараткан кез – (түш ооп бараткан мезгил) Түш оогон мезгил

Тоо баштарына көлөкө түшө баштаган мезгил Күн батар кез – бешим.

Күн баткан, уясына кирген мезгил – дигер

Күүгүм кирген маал – шам

Көз байланган чак – куптан

Каш карайган кез

Жылдыз чыккан кез

Эл орунга отурган кез

Эл жаткан кез

Эл уйкуга кирген кез – түн

Жылдыз толгон кез

Түн бышкан учур

Түн ортосу

Түн оогон кез

Күндүн аталыштары жана анын маанилери

1 күн, дүйшөмбү дүйнөнүн бүткөн күнү

  1. күн, шейшемби Умай эненин күнү
  2. күн, шаршемби жеңил күн
  3. күн, бейшемби жигит сапарга чыгар күн
  4. күн, жума оор күн, жаңы иш баштабайт
  5. күн, ишемби иштин башы
  6. күн, жекшемби максатка жетчү күн.

(Эскертүү: кыргызда «кара шаршемби» деген түшүнүк бар, ал ар жуманын шаршемби күнүнө туура келбейт; жыл тогошор Нооруздун алдындагы жылдын соңку шейшемби күнүн (шаршемби күнү эмес, анын алдындагы күндү) айтышат, кыштын кыйынчылыгынын акыркы шейшембиси, шаршембинин алдындагы, шаршембиге чейинки күн катары мүнөздөлөт, анткени шаршемби – жеңил күн, шейшемби жеңил күндүн алдындагы акыркы оор күн деп эсептелет).

КЫРГЫЗЧА ЖЫЛ ЭСЕБИ

(кыргыздар жыл эсебин тактаган адамдарды

«эсепчилер» дешкен)

Кыргызча жыл эсеби боюнча бир жылда 12 ай, айрым жылдарда «арсар ай» деген кошумча ай болот. Ал бирдин айы менен жалган куран айынын ортосуна туура келет.

Жаз айы 3 ай: чын куран, бугу, кулжа айлары;

Жай айы 3 ай: теке, баш оона, аяк оона айы;

Күз айлары 3 ай: тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы;

Кыш айлары 3 ай: үчтүн айы, бирдин айы, жалган куран.

Арсар күндөр:

  • арсар күн: ар бир айдын башы, ай жаңырган күн;
  • арсар күн: айдын биринчи он беши менен экинчи он бешинин ортосундагы күн, бул күнү айдын фазасы өзгөрүп, аба ырайына таасир этет. (жыл эсепчи Т.Жумаевдин мүнөздөмөсү боюнча)

АЙЛАРДЫН КЫРГЫЗЧА АТАЛЫШТАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ТУРМУШТУК МААНИЛЕРИ

(кыргызча жыл эсеби боюнча 1-ай жалган куран, демек жыл жалган куран айынан башталып эсептелинген)

Эскертүү: Бул эсепте кыргызча айлар менен григориян календары боюнча айлар бири-бирине дал келгендей көрсөтүлгөн. Бирок практикада айлар бири-бирине дээрлик дал келбейт, мейкиндик-мезгилдик шарттарда гана жакындашат. Мисалы, кыргызча ай жаңырган мезгилде күн календары боюнча эсеп дээрлик башка күнгө туш келип калат, бири жаңырса, экинчиси эскирет, оошот. Ошондуктан, жыл-ай эсебинин эки түрдүү аталыштарын бири-бирине дал келтирип түшүнүү туура эмес, т.а. ай календары боюнча мезгилдердин мүнөздөмөсү күн календарынын мүнөздөмөсүнө окшошпой, башкача болуп калса, аны туура түшүнүү кажет. Аны кыргызча айдын эсебин туура эсептеп гана түшүнүү туура болот.

1 ай: Жалган куран – (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 2-ай, февраль): бул айдын 1-жарымы (1-он беш күнү) «кийиз аяз», 2-жарымы (2-он беш күнү) «каңтар аяз» деп аталат.

Мүнөздөмөсү: бул айда жети тогоол аттуу ай жаңырат жана аяз бүтөт, эски маалда кыргыздар бул учурда жыл ажыратышкан. Муну «мүчөл айы» деп да коюшат, т.а жети тогоол болгондо кыргыздар мүчөл чыгарышкан.

Мурда тоолук кыргыздар эрте тууган кой-эчкилердин сүтүнөн айран уютуп, «жалама айран» ичип калышкан. Ошого байланыштуу «жалган куран айында жалама айран ичилген» деген сөз чыккан.

Белгилери: бул айда элик төлдөп калат, кээде убагында, кээде кечигип төлдөйт; анын улагы курандын мүйүзү да толук чыга элек, куранбы, куран эмеспи, ачык тааныла элек мезгил. Ошон үчүн ай «жалган куран» деп айтылат.

2-ай: Чын куран – (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 3-ай, март) бул айдын 1-жарымы «үт маалы», («үт маалы үттүгүн кылса, үт болот, үт болбосо, жут болот», үт-шумер тилинен, күн, жарык деген маанини берет, демек, күн жылып, жаз келгенин түшүндүрөт), 2-жарымы «соор маалы» деп аталат («соко чыгат соордо» деген кеп бар). Демек, чын куран айында күн жылуулап, соко чыгат.

Мүнөздөмөсү: Бул айда беш тогоол айы жаңырат, беш тогоол өтсө жылуулук кирет, жаз башталат; («Беш тогоол болбой, бел чечпейт»). Бул айда тоолуктар эрте тууган бээлердин кулундарын «чыңыртып байлап», кымыз ачытып калгандар болгон экен.

Белгилери: бул айда куран кадимкидей билинип, мүйүзү алыстан эле көзгө көрүнүп, таанылып калган кез, андыктан аны «чын куран» деп атап келишкен.

3-ай «Бугу ( дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 4-ай, апрель): бул айдын 1-жарымы «чечек суу маалы» делинет, ала шалбырт мезгили келип, эриген кар жер бетин бербей, кокту колотто агып калат; 2-жарымы «жоогазын маалы» делинет да, жоогазын жер бетине чыгат; бул ай «узун өзөк» же «узун сары» деп аталат, үзүмчүлүк мезгили болот, бирок жаз келип, күн жылып калат.

Мүнөздөмөсү: Бугу айынын үч жаңысында үркөр тогошот, күн бузулуп, «сары кар» жылдын соңку кары жаайт.

Белгилери: бул айда бугунун ургаачысы марал төлдөй баштайт. Буга байланыштуу 3-ай-«бугу» айы делинет.

4-ай: Кулжа (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 5-ай, май): бул айдын 1-жарымы «кызыл түлөө» маалы, 2-жарымы «күкүк маалы» делинет; анткени 1-он беш күндүк кезинде жан-жаныбарлар түлөйт, эти кызарып көрүнүп калат, ошондуктан, «кызыл түлөө» делинет; 2-жарымында суулар «күкүктөп кирет».

Мүнөздөмөсү: Кулжа айынын 1 жаңысында ай менен үркөр тогошот, ошону менен үркөр «жерге түшөт». Муну «үркөр отурду» деп коюшат.

Белгилери: бул айда аркардын кулжасы ( ургаачысы) төлдөйт, ага байланыштуу бул ай «кулжа» деп айтылат.

5-ай: Теке (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 6-ай, июнь): Теке айы жай айынын башталышы, анын 1-он беш күнү«тамыз маалы» делинет, анткени үркөр чыгып, «тамыз маалы» башталат, күн кыйла ысып чыгат; 2-жарымы «теке какшык маалы» делинет, анткени мурдагы кирген суу тартылып, ийиген булак кургап какшып калышы ыктымал, ошон үчүн «теке айындагы какшык» деп аталат.

Мүнөздөмөсү: теке айынын аягы менен жай чилдеси башталат. Белгилери: теке айында тоо эчкилердин төлү башталып, ошол себептүү «теке» айы деп аталган.

6-ай: Баш оона (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 7-ай, июль): жай чилденин болуп турган чагы. Жай чилде 40 күнгө узарып, «чымыран», «саратан», ж.б. болуп бөлүнөт.

Мүнөздөмөсү: жай толукшуп ысып, эгин бышат. Бул айдын 21инде тогоол болот дегени менен, тогоол айкын көрүнбөйт, ошондуктан көпчүлүк убакта аба бир калыпта болот. Белгилери: бул айдын «баш оона» деп аталганы эгин оонап быша баштаган мезгил делингени, анан да элдик уламышта: «оона» деп аталган бир куш келип, өзүнүн жубун издеп учуп калат – деген да ишеним бар.

7-ай: Аяк оона (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 8-ай, август): элдик уламыштагы «оона» аттуу куш өзүнүн жубун таап, баш оона айынын жыйынтыкталышы катары мүнөздөлөт. Аяк оона айынын 1-жарымындагы 15 жарык маалын «сумбула» деп айтат, ошондуктан бул айды көбүнчө «сумбула» айы деп да коюшат.

Мүнөздөмөсү: бул айдын аягында тоолордо күн салкындап, кээде кар түшөт.

«Сумбулада суз болот, булак башы муз болот» деген сөз бекер эмес. 2-жарымындагы 15 күндүк караңгысы «мийзам маалы» делинет. Ушундан улам, «мийзам келди, күз келди» деген сөз бар.

Белгилери: бул айды «тараза» айы дешет, анда мезгил оошуп, күз келет.

Чөп, эгин «оонап» бышат, мал «оонап» семирет.

8-ай: Тогуздун айы (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 9-ай, сентябрь.) Бул күз айынын башталышы катары эсептелинет. Бул айдын атын атоодо элибиз «тогуз» деген ыйык санын ыроолошкон.

Мүнөздөмөсү: айдын 1-жарымы «боз короо» маалы деп айтылат, анткени короого мал кире элек, короонун кыгы кургап, бозоруп турат; 2-жарымын «кыргыйек» маалы делинет. Белгилери: ушул кезде элдик айтымда «кыргыйек деген куш балапандарын учурат, эгер балапандар шамалга карай учпай, өөндөп учса, күн салкындап баратканы, эгинди эртерээк жыйноо керектигинин белгиси» деп айтылат. Тогуздун айынын 22синде күзгү күн менен түн теңелет. Эгер тогуздун айында күн күркүрөсө, «Булут бала салды» деп айтылат.

9-ай: Жетинин айы ( дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 10-ай, октябрь): кыргыздар бул айды «коңур күз» деп айтышат. Атына жараша күн салкын болуп, тынч, бейпил ай болуп саналат. Бул айдын атына элибиз «жети» ыйык санын ыйгарышкан.

Мүнөздөмөсү: бул айдын 1-жарымын «акырап маалы», ал эми экинчи 15 күнүн «кабыс маалы» делинет. Анткени «акырапта акыр күз болот» деген сөз бар экен.

Белгилери: «Кабыз айы» дегени «суук түшкөнүн айтып жатат, анткени «жел тийип, суукка калса, кабыздап кетет» деген ишеним бар. Бул кезде эгин сеппейт. Андыктан, «кабызда сепкенче, казаныңа кууруп же» деп айтылат.

Жетинин айынын 13 жаңысында ай менен үркөр тогошот, аба өзгөрөт, суук түшөт. Бул айда тоолук кыргыздар кочкор менен текенин белдигин алышкан.

10-ай: Бештин айы (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 11-ай, ноябрь): бул ай дагы «беш» деген ыйык сан менен аталат.

Мүнөздөмөсү: бул айды элибиз «чил арыш» , «токту тойбос, чөмүч кургабас» маал деп коюшат. Анткени күн «чилдин арышындай» кыскарып, чабал токту «жаңы эле короодон чыгып карды тойгуча кеч кирет, эми эле тамак желсе, кайрадан бат эле кеч кирип, кечки тамак бышырыла баштайт» делинет.

Белгилери: бул айда ай менен үркөр он үчүндө тогойт, күн бузулат, суук түшүп, карлайт. Ушуга жараша, айдын 1-жарымында «бугу чуркай баштайт». Экинчи 15 күндүктө «кулжанын ооз чайкаары» деген маал келет. Бул маалда күн катуу сууктап, муз тоңот. «Бештин айында бал ашпа» деген кеп бекер эмес.

11-ай: үчтүн айы (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 12-ай, декабрь):  бул  айды дагы кыргыздар 3 деген ыйык сан менен атап келишкен.

Мүнөздөмөсү: үчтүн айынын 1-жарымын «боз кыроо» дешкен, ал эми 2-жарымын «кара аяз малы» деп аташкан. Анткени суук түшүп, суу жээктери, бак-дарактар боз кыроо болот. Суу тоңот, аяз катуу түшөт, көбүнчө катуу суукта кар жаабай, кара суук күчөп, «кара аяз» болот.

Ушул айдын 2-он бешинен баштап чилде түшөт, тактап айтканда, 22синен тартып 40 чилде башталат. Ай он биринде тогойт, аба өзгөрүп, тоолорго кар түшөт. Ошондон баштап «теке чаңыт» деген маал келет. Бул текенин чуркашына байланыштуу.

Белгилери: мына ушул «теке чаңыт» малы келеринде теке бийик таштын башына чыгып туруп алып, айдын жаңырышын, анын тогошун күтөт экен. Ошондон улам элибизде : «ай караган текедей» деген сөз айтылат.

12-ай: Бирдин айы (дүйнөлүк жыл эсеп боюнча 1-ай, январь): Бул ай кышкы аяздын кычырап турган маалына, кыштын кыраан чилдесине туура келет.

Мүнөздөмөсү: айдын биринчи 15 күнүн «мүйүз аяз маалы» деп айтышат, ал эми экинчи 15 күнүн «темир аяз маалы» деп аташат.

Белгилери: бул айдын тогузунда тогойт. Көбүнчө, ушул күндөрдө аба бузулат, кар жаайт.

ЧИЛДЕЛЕР:

  1. Жай чилде: 23-кулжа (июнь) айында ай менен үркөр тогошот да, үркөр батат. Күн ысыйт. 23-теке айында (июль) үркөр чыгып, ай менен тогошот. Андан кийинки тогоол 2-баш оона (август) айында дагы тогошот. Ушул мезгил 40 күндү түзөт да, «жайкы чилде» деп аталат.
  2. Кышкы чилде: Үчтүн айынын (декабрь) 22синен тартып күн-түн теңеле, күн кыскарып, түн узарат. Суук күчөйт. 40 чилде башталат Бирдин айында (январь) жана андан кийин жалган куран айында (февраль) ай менен үркөр тогошот (т.а. бири-бирине абдан жакын келишет). Демек, суук түшкөн, түн узарган маалдан тартып, жалган куран (февраль) айынын жети тогоолунда ай жаңырганда аяз бүтөт, эски маалда кыргыздар бул учурда жыл ажыратышкан. Бул аралыктагы 40 күн кыш чилде болот. (бул маалыматтар айрым толуктоолор менен профессор М.Өмүрбайдан алынды)

КЫШКЫ 90 КАЧАН БАШТАЛАТ ЖАНА КАЧАН ЧЫГАТ?

Бул үчтүн айындагы (декабрь) 13 тогоолдон башталып, чын куран (март) айындагы 7 тогоолго чейин уланат. Бул аралык 90 күндү түзөт жана ошол тогоолдон тартып, 90 күнкү тоң чыгат.

(Айлар, тогоолдор,чилде жана токсон күн кыш тууралуу теманы жазууда Асыкбек Оморовдун материалдары пайдаланылды. Китепте: Ата-бабалар табериги, Б., 2011-ж., 576-580-б.б.

ЖЫЛДАРДЫН КЫРГЫЗЧА МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Кыргыздар эзелтеден эле жылдарды циклдер менен аташкан, анда бир цикл он эки жыл менен эсептелинген.

Ал жылдар жаныбардардын аты менен аталган. Алардын алтоо адал, алтоо арам.

Адалдары: уй, коён, балык, жылкы, кой, тоок.

Арамдары: чычкан, жолборс, жылан, маймыл, ит, доңуз.

Кыргыздар ай эсебин жана тогоолдорду эмне үчүн эсептешкен:

  1. табиятты таануу, анын өзгөрүүлөрүн үйрөнүү үчүн;
  2. мал чарбачылыгын туура жүргүзүү үчүн;
  3. дыйканчылыкты туура иштетиш үчүн;
  4. жолго, сапарга чыгууда;
  5. жаз-күз жайлоого жана кыштоого көчүүдө эске алышкан.

Жылдардын кыргызча аталыштары:

Чычкан – жыл башы

Уй

Жолборс (барс)

Коён

Балык (улуу)

Жылан

Жылкы

Кой

Маймыл (мечин)

Тоок

Ит

Доңуз – жыл аягы

Жыл мезгилдеринин мүнөзү:

Жаз жарыш: адамдар табият менен жарышып жер айдап, эгин себишет. «Бир жылды бир күнкү эмгек багат» деген ошондон.

Күз күрөш: эгин орулат, түшүм жыйналат. Ошон үчүн күтүрөгөн күз делинет.

Жай киреше: жайында түшүм мол болору байкалат, табият берекесин көрсөтөт.

Кыш чыгаша: кышында жыл бою кылган эмгегине жараша тапкан-ташыганын жеп чыгат. Жаздын мүнөздөмөсү:

Эрте жаз – күн жылып, байчечекей гүл ачып, келгин куштар келе баштаган кез. Узун өзөк маал.

Ала шалбырт – жаз кар эрип, суулар жылгалардан агып, жер көгөрүп, бак бүрдөп калган кез.

Көктөм жаз – жаз жадырап, төл от жеп, кулун байланып, кымыз чыгып, эл жайлоого көчүп калган кез.

Күздүн мүнөздөмөсү:

Алтын күз – бышкан эгин орулуп, бак-дарактардын жалбырактары, жердин бети саргарып, алтын түспөл тартып турган кез.

Коңур күз – жер жемиштери бышып, түшүм жыйналып, эл жайлоодон түшүп, семирген мал токчумак тартып, эл тынып, көңүл тоюп турган чак.

Кеч күз – күн салкындап, кара жамгыр жаап, муздак шамал согуп, эл калың кийинип, кыштын белгиси келе баштаган кез.

Кышкы суукка мүнөздөмө:

Кийиз аяз – кар жаап, сууга муз тоңуп, эртели-кеч кардын какаары уруп турса да, күндүз ылымта тартып турган мезгил.

Мүйүз аяз – суук катуу болуп, шамалдын ызгаары уруп, күн булутка жашынса аяз бетти колду каарып турса да, адамдар кыштын суугун тоготпой турган мезгил.

Темир аяз – чилде күчүнө кирип, күнү-түнү катуу суукта үйдүн ичине чейин суук кирип, өзөн суу тоңуп, суу үйөрлөп кузгундап, түкүрүк жерге түшпөй, кулакмурунду үшүк алып турган кез.

Каңтар аяз – аяздын акыры.

Жай айына мүнөздөмө:

Жай алды – жер бетине гүл жайнап, гүлдүн кымызы сабаада буруксуп, жай жадырап, мал тоюна баштаган кез.

Жай ортосу – жайкы саратан гүл урук алып, алды бышып, чөп чабык башталып, күн кайнап ысып, чегирткелер күнү-түнү ызылдап, саратан тынбай учуп, «торгой кой үстүнө жумурткалап» турган керемет мезгил..

Жай аягы – эгин бышып, мезгил күзгө тартып, көгөн уюлгуп учуп мөңгүгө барып кырылып, мал ыңкып семирип, «ак төөнүн карды жарылып» турган кез.

Кыргызча географиялык кеңдиктердин аталыштары:

Чыгыш – машырык, машырык тарап («Манастан);

Батыш – магырып, магырып тарап (Манастан»)

Түндүк – шымал, шымал тарап («Манастан»), азыркы учурда түндүк деген түшүнүктү «кут тарап», «кут түшкөн тарап» деп да айтып келишет (этнограф Баяс Турал);

Түштүк – кыям, кыям тарап («Манастан», «Кытайдын кыям жагында»), учурда түштүк тарапты «от тарап», «от жаккан тарап» деп да айтышат. Молдо Кылычтын чыгармаларында: «Күн жүрүшү Анжиян, Шымалында ойроттор» деп айтылган саптар бар, мында күн жүрүштү түштүк тарап деген мааниде берген.

Экватор – «күн жүрүш» деп да мүнөздөлгөнү бар.

16. УЛУТТУК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР

Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптары табият менен шайкеш жашаган турмушуна ылайыктуу жаралган жана алар чыгарган добуштары элдин канына сиңип таралган. Элибиз добушка, үнгө маани берген, ал аркылуу урпактарынын тарыхый эс тутумун калыптандырууну жана тарбиялоону көздөшкөн. Эркек уулдарына комуз үйрөтүшкөн, кыздарына ооз комузду үйрөтүшкөн. Ооз комуз аялзатына ыңгайлашкан аспап болгон, ошондуктан, аны кыздарын турмушка узатканда сеп катары беришкен. Кийин кызынын добушу аркылуу анын турмушуна баа беришкен. Демек, музыкалык аспаптын улуу касиети мына ушунда урпактын тарыхый генин ойготуу жана аны тарбиялоо болгон.

АСПАПТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ:

1) Ооз комуздар:

  • эки тилдүү ооз комуздар (азыр булар жок, унутулуп калган);
  • бир тилдүү ооз комуздар;
  • жыгач ооз комуз (темир тилдүү);
  • жип менен тартчу ооз комуз;

(Ооз комуздар өзгөчөлүктөрүн жараша: тике какма жана туурасына карата какма болуп бөлүнгөн) 2) Комуздар:

  • тогуз кылдуу комуз;
  • жети кылдуу комуз;
  • беш кылдуу комуз;
  • үч кылдуу комуз;
  • эки кылдуу комуз (муну чертмек дешкен);
  • бүкмө комуз;
  • курама комуз;
  • жез комуз (бетине жыгач чапталган, желим катары жыландын терисин пайдаланышкан же мүйүздү кайнатып желим жасашкан).

Чертме аспаптар менен катар эле, тартма аспаптар болгон, андан «күү тарт» деген сөз көп айтылуу менен, «гитара» (күүтар) аспабын европалыктар жасап алышкан.

3) Үйлөмө аспаптар:

  • сурнай;– керней;
  • саранай (унутулуп калган);
  • каранай (унутулуп калган);
  • сыбызгы (тике кармап үйлөгөн);
  • ыбызгы (кыйгач кармап үйлөгөн)

Булар жалпысынан «Най» аспаптар деп аталган. 4) Таш аспаптар:

  • жаргылчак (андан дүңүлдөгөн үн чыккан);
  • майда таш аспаптар андан тырсылдаган үн чыккан…5) Кыл кыяктар: эң чоң кыл кыяк – азыркы виоленчель сыяктуу; орто кыл кыяк;
  • кичине кыл кыяк (азыркы);
  • эмчектүү кыл кыяк (азыр жок, унутулган)…

(Кыл кыякка айгырдын гана таза кылынан эшип тагышкан, андагы кыркка жакын кыл кырк түрдүү добуш чыгарып, өзүнчө бир мини ансамбль сыяктуу жалпы добуш чыгарган).

6) Урма аспаптар:

  • добулбас;
  • дап (унутулуп калган);
  • бап (унутулуп калган);
  • барабан сындуу кичинекей доолбас;
  • камчы аспап;

Добулбастын чоңдору аскердик жүрүштөрдө колдонулган. Көңдөйүн бышык, катуу жыгачтан жасашып, топоздун, өгүздүн бышык терисин чапташкан, андан жерди жарган катуу добуш чыккан. Ал үнгө аттарды көндүрүш үчүн, кулактарын таңып, аз-аздан угузуп көндүрүшкөн.

Кичинекейлерин эчкинин терисинен жасашкан

  • Зарп аспаптар (булар азыр унутулуп калган)

Булар арфа сындуу жасалып, кырк кыл тагылган, аны топоздун ичегисинен эшип жасашкан. Жетиген аспабы сыяктуу ойнолгон.

  • Жаа аспаптар: ичи көңдөй, жоон түтүк сыяктуу болуп, 32 кыл тагылган.
  • Таяк аспап:
  • аса жыгач аспабы: ичи көңдөйүн үйлөп үн чыгарган, болбосо, жерге урганда үн чыккан.
  • долоно аспабы: бышык жыгач, урганда үн чыккан.
  • укурук аспап-мындан «уу-дуу» деген үн чыккан.

10). Шылдырак аспаптар:

  • шылдырак;
  • жылаажын;
  • чоочутма;– үркүтмө…

11) Чуугендик аспаптар: жетиген (тогуз кылдуу, азыр жок); тогузкен (жети кылдуу, азыр жок) 12) Чоорлор:

  • камыш чоор;
  • чогойно чоор;
  • чопо чоор

13) Ышкырык аспаптары:

  • камыш ышкырык (чымчыктын үнүн тууроодон улам табышкан);
  • түтүк ышкырык (чоң, орто жана кичи түтүк аспаптар болгон, кийин бул түтүк аспаптан түрктөр «дудук» деген аспабын жасап алышкан)….
  • чөп ышкырык;
  • көбүргөн ышкырык;
  • буурчак ышкырык;
  • данек ышкырык…
  • Чүкө аспаптары;
  • Туяк аспаптары (тай туяк);
  • Идиш-аяк аспаптары кашык аспаптар.

(Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптары тууралуу бул маалыматтар КРнын Эл артисти, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаевдин айтуусунда жазылып алынды)

  1. КЫРГЫЗДЫН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БААЛУУЛУКТАРЫ:

Үй-бүлө – элдик мектеп, институт жана түбөлүктүү академия.

Үйдө бала ошол элдик мектептен, институттан жана академиядан тарбия алат, өсөт, дүйнө тааныйт, элдик билимдерге үйрөнөт, адам болуп калыптанат жана турмушка даярданат.

Булар үй-бүлөнүн баалуулуктарын жана анын миссиясын чагылдырат. Аны ишке ашыруучулар ата-энелер. Атаэне – элдик билимдерге ээ элдик тарбиячылар. Андыктан, алар үй-бүлөнүн баалуулуктарына ээ болуулары керек.

Тарбия баалуулуктары:

  • сүйүү жана ынтымак;
  • бири-бирин түшүнүшүү жана ишеним;
  • сыйлашуу жана урматташуу (ата-эненин, бир туугандардын, балдардын сыйлашуусу жана урматташуусу, үйдүн кутун сактоо);
  • ынтымактуу болуу жана бири-бирине жардамдашуу;
  • абийирдүүлүк жана уяттуулук;
  • ар-намыстуулук;
  • бири-бирине үлгү көрсөтүүсү;
  • адеп-ыйман (ата адеби, эне адеби, уул адеби, кыз адеби);
  • балдарды элдин уул-кызы кылып өстүрүү;
  • адам идеалын бекем тутуу (жигитче, жигит, мырза чыкма, мырза, айча, айымча, айым, байбиче, карыя, журт атасы, журт энеси);
  • үй-бүлөлүк бактылуулук (атанын бактысы, эненин бактысы, келин бактысы, балдардын бактысы, бактылуу балалык, бактылуу карылык, дөөлөттүүлүк);
  • адамдык асыл сапаттарга тарбиялоо (кечиримдүү болууга, кек сактабоого, гумандуу болууга, айкөл болууга, кең пейил болууга, ак ниеттүү болууга, жөнөкөйлүккө, карапайым болууга, токтоо, сабырдуу болууга, салабаттуулукка, бири-бирин алкап жашоого, ар дайым жакшылык кылууга, чыдамкайлыкка, көтөрүмдүүлүккө, бири-бирин колдоого, мекенчил болууга, көпчүл болууга,);
  • эл менен бирге болуу;
  • эмгекчил болууга, мээнеткечтикке тарбиялоо;
  • кошунаны сыйлоо жана урматтоо;
  • мекенин сүйүү, мекенчил болуу;
  • табиятты сүйүү, сыйлоо, табиятка залал келтирбөө.

Билим баалуулуктары:

  • элдик билимдерди билүүсү (уул баланын жасай турган ишин жана кыз баланын жасай турган ишин үйрөтүү); – балдардын акыл-эстүү чоңоюшу;
  • элдик нарктарды билүү (ата наркы, эне наркы, жубайлык нарк, келин наркы);
  • элдик каадаларды билүү (карыялык каада, байбичелик каада, жигит каадасы, мырза каадасы, келин каадасы, конок каадасы, кошуна каадасы);
  • элдик жакшы үрп-адаттарды билүү;
  • жүрүм-турум этикасына үйрөтүү (учурашуу маданиятына, сүйлөшүү маданиятына, кийинүү маданиятына, эптүү болууга ж.б.);
  • мамиле маданиятына үйрөтүү (атага мамиле, энеге мамиле, агага мамиле, иниге мамиле, эжеге мамиле, сиңдиге мамиле, карындашка мамиле, жеңеге мамиле, таанышка жана бейтаанышка мамиле);
  • балдардын ден соолукта чоңоюусуна кам көрүү (акыл-эс ден соолугу, психикалык ден соолук, физиологиялык ден соолук, рухий ден соолук);
  • табият билимдерин билүүсү (табият белгилерин, табиятка карап жашоо, табиятка жараша эмгек кылууга үйрөтүү);
  • элдик өнөрлөрдү билүүсү (кол өнөрүн, сөз өнөрүн, элдик аспаптарды ж.б. үйрөнүү);
  • билимдүү болууга үндөө (улуттун жана дүйнөнүн билимин билүү);
  • элдик ырым-жырымдарды сактоо.

Таанытуучу баалуулуктар:

  • ата-тегин таанытуу, урук-тукумунун, жети атасын билүү;
  • эл таанытуу, жер таанытуу;
  • улуттук тилин таанытуу жана сүйлөөгө үйрөтүү;
  • табиятты, андагы тиричиликти таанытуу;
  • мал-жанды таанытуу, аны багууга үйрөтүү;
  • улуттук буюмдарды таанытуу жана жасоого үйрөтүү;
  • улуттук кийимдерди таанытуу жана кийинүүгө үйрөтүү;
  • улуттук тамак-ашты таанытуу жана аны жасай билүүгө үйрөтүү;
  • улуттук салттарды таанытуу, салттарга аралаштыруу, үйрөтүү;
  • улуттук нарктуу түшүнүктөрдү таанытуу…

Өнүктүрүүчү баалуулуктар:

  • Баланын акыл-эсин өнүктүрүү;
  • ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
  • тилин өнүктүрүү;
  • дене боюн өнүктүрүү;
  • ден соолугун сактоо;
  • кыялын өнүктүрүү;
  • ишмердигин өнүктүрүү (турмушка керектүү нерселерди, иш-аракеттерди жасай билүүсүн өнүктүрүү);

18. ЭЛДИК ТАРБИЯ ТҮШҮНҮКТӨРҮ

Элдик тарбия башаты адеп-ахлакка жана өнөргө үйрөтүү.

Тарбия жүрүм-турум гана эмес, аң-сезимдин, психологиянын өзгөрүүсү жана ага таасир этүү.

Адептик эрежелерди түшүнүү жана билүү тарбия эмес, аны аткаруу тарбия.

Тарбия, негизинен, эки деңгээлде жүрөт, биринчиси пассивдүү тарбия: ага тыйып тарбиялоо, буюруп тарбиялоо жана жазалап тарбиялоо кирет.

Экинчиси активдүү тарбия, ага: колдоп тарбиялоо, шыктандырып тарбиялоо жана ишенип тарбиялоо кирет. Эмесе, мына ушуларга мүнөздөмө берип өтөлү.

  1. Тыюу тарбиясы:
  • ээн баштыгын тыюу;
  • шоктугун тыюу;
  • осол жүрүм-турумун тыюу;
  • осол сөзүн тыюу;
  • осол мамилесин тыюу;
  • терс адатын тыюу;
  • терс жоругун тыюу;
  • терс кылыгын тыюу;
  • ыксыз күлгөнүн тыюу;– ыксыз кийинүүсүн тыюу; Буюруу тарбиясы:
  • ишти аткарууну буюруу;
  • ишти туура аткарууну буюруу;
  • ишти так аткарууну буюруу;
  • ишти орду менен аткарууну буюруу;
  • ишти убагында аткарууну буюруу;
  • ишти эрежеси менен аткарууну буюруу; Талап кылып тарбиялоо:
  • ишти аткарууну талап кылуу;
  • ишти туура аткарууну талап кылуу;
  • ишти так аткарууну талап кылуу;
  • ишти орду менен аткарууну талап кылуу;
  • ишти убагында аткарууну талап кылуу;
  • ишти эрежеси менен аткарууну талап кылуу;
  • салтты туура карманууну талап кылуу;
  • наркты унутпоону талап кылуу;
  • кааданы туура карманууну талап кылуу;
  • үрп-адатты туура сактоону талап кылуу;– терс адатты таштоону талап кылуу;
  • катуу талап коюп тарбиялоо…
  1. Уяткарып тарбиялоо:
  • кылган туура эмес иши үчүн уяткаруу;
  • улуу-кичүүгө жасаган осол иши үчүн уяткаруу;
  • сүйлөгөн туура эмес сөзү үчүн уяткаруу;
  • улууну сыйлаганы, кичүүнү ызааттабаганы үчүн уяткаруу;
  • ата-эненин сөзүн укпагандыгы үчүн уяткаруу;– бир туугандарын урматтабаганы үчүн уяткаруу; Бөпөлөп тарбиялоо:
  • бөпөлөп эркелетүү;
  • бөпөлөп тамак берүү;
  • бөпөлөп кийиндирүү;
  • бөпөлөп мамиле кылуу;
  • катуу сөз айтпоо;
  • катуу мамиле кылбоо;– оор жумуш кылдырбоо;
  • көзүн карап туруу.
  1. Колдоо тарбиясы:
  • туура аткарган иши үчүн колдоо;
  • элге жаккан иши үчүн колдоо;
  • жакшы мүнөзүн колдоо;
  • жакшы жүрүм-туруму үчүн колдоо;
  • жакшы өнөрүн колдоо;
  • демилгесин колдоо;
  • эл үчүн кылган ишин колдоо; Шыктандыруучу тарбия:
  • мактап шыктандыруу;
  • колдоп шыктандыруу;
  • бата берип шыктандыруу;
  • шарт түзүп шыктандыруу;
  • ишеним билдирип шыктандыруу;
  • алдап шыктандыруу;
  • элге кошуп шыктандыруу;
  • жардам берип шыктандыруу;
  • белек берип шыктандыруу;– көңүлүн көтөрүп шыктандыруу; Үлгү көрсөтүп тарбиялоо:
  • жеке үлгүсүн көрсөтүү;
  • мамиле жасоо үлгүсүн көрсөтүү;
  • жүрүм-турум үлгүсүн көрсөтүп тарбиялоо;– ишти аткаруу үлгүсүн көрсөтүү… – сүйлөө үлгүсүн көрсөтүү…
  • жакшы адамдын үлгүсү,
  • адептүүлүк үлгүсү,
  • акылдуулук үлгүсү,
  • баатырдык үлгүсү,
  • сөзмөрдүк үлгүсү,
  • өнөрлүүнүн үлгүсү,
  • иштермандык үлгүсү,
  • кичи пейилдиктин үлгүсү,
  • эрктүүлүк үлгүсү,
  • убадага туруу үлгүсү,
  • чыдамкайлык үлгүсү,
  • эркек баланын үлгүсү,– кыз баланын үлгүсү, – адам болуунун үлгүсү.
  1. Ишеним тарбиясы:
  • сөзүнө ишенүү;
  • көзүнө ишенүү;
  • өзүнө ишенүү;
  • убадасына ишенүү;
  • жаш курагына ишенүү;– тажрыйбасына ишенүү;
  • күчүнө ишенүү;– кебетесине ишенүү;
  • турпатына ишенүү. Эркин тарбиялоо: – жүргөн-турганын эркин коюу;
  • сүйлөөсүн эркин коюу;
  • мамилесин эркин коюу;
  • кийинүүсүн эркин коюу;
  • тамак ичүүсүн эркин коюу;– иш кылуусун эркин коюу; – кызыгуусун эркин коюуу.

СӨЗ МЕНЕН ТАРБИЯЛОО:

  • саламдашууга үйрөтүү,
  • алик алууга үйрөтүү,
  • бата кылууга үйрөтүү,
  • бата алууга үйрөтүү,
  • кечирим суроого үйрөтүү,
  • уруксат суроого үйрөтүү,
  • сөз угууга үйрөтүү,
  • сөз маанисин үйрөтүү,
  • туугандык мамилени үйрөтүү,
  • өнөр үйрөтүү,
  • колунан келген ишке үйрөтүү,
  • чарбага үйрөтүү,
  • жер таанытуу,
  • эл таанытуу,
  • кичипейилдикке үйрөтүү,
  • ыракмат айттырып үйрөтүү,
  • элдик билимдерди үйрөтүү,
  • салттарды үйрөтүү,
  • нарктарды үйрөтүү;
  • ырымдарды үйрөтүү;
  • адам бол деп үйрөтүү,
  • ой жүгүртүүгө үйрөтүү,
  • убада берүүгө үйрөтүү,
  • убадага турууга үйрөтүү;
  • эрктүүлүккө үйрөтүү,
  • табышмак айттырып тапкырлыкка үйрөтүү,– жаңылмач айттырып, так сүйлөөгө үйрөтүү; – жомок менен тарбиялоо.

ЭЛДИК ТАРБИЯНЫН ЭҢ МЫКТЫСЫ ЖАНА ЭҢ КАТААЛЫ:

  • Элдик тарбиянын эң мыктысы мыкты үлгү көрсөтүү жана ишеним билдирүү;
  • Элдик тарбиянын эң катаалы «элден-журттан чыгаруу»;

Баланын тарбиясын эмнеден байкашкан?

  • ой жүгүртүүсүнөн;
  • сүйлөгөн сөзүнөн;
  • адамга жасаган мамилесинен;
  • жүрүм-турумунан;
  • кийген кийиминен;
  • жасаган ишинен;

Тарбия ишинин өзөгүн түзгөн гумандуулук:

  • Ымыркайында ырымда,
  • Наристесинде назда,
  • Бөбөгүндө бөпөлө,
  • Тестиеринде телчит,
  • Жеткинчегинде жетилт, – Өспүрүмүндө өстүр,
  • Эрезеге жеткенде элге кош.

19. ЭЛДИК ӨНӨРЛӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ

Биринчи багыт: кол өнөрчүлүк

  1. Жыгач менен иштөө өнөрү:
  • комуз чабуу;
  • жыгачтан идиш-аяк жасоо;
  • ээр чабуу;
  • жыгачтан түрдүү сувенирлерди жасоо;
  • жыгачка оюу түшүрүү;
  • жыгачтан үй эмеректерин жасоо;
  • үй жыгачтарын жасоо (босого – таяк, түндүк, уук, кереге, бакан ж.б.);

2) Жүн менен иштөө өнөрү:

  • жүндү даярдоо;
  • жүндү ийрүү;
  • жүндү боёо;– кийиз жасоо;

3) Кийиз менен иштөө өнөрү:

  • ала кийиз жасоо;
  • шырдак жасоо;
  • боз үй жасалгаларын даярдоо (үзүк, туурдук, жабык баш, түндүк жабуу… ж.б.).
  • кийизден түрдүү сувенирлерди жасоо;
  • кийизден аяк кап даярдоо;
  • кийизден чыны кап жасоо;
  • кийизден туткуч жасоо;
  • кийизден түпкүч жасоо;
  • кийизден комуз кап жасоо;
  • кийизден чокой чабуу;
  • кийизден көз айнек кабын жасоо;
  • кийизден китеп кап жасоо;
  • калпак жасоо;
  • кийизден топу жасоо;
  • кийизден шөкүлө жасоо;
  • кийизден башмак жасоо;– кийизден отургучка салгыч жасоо;
  • кийизден чайнек жапкыч жасоо.

4) Тери менен иштөө өнөрү:

  • терини ийлөөгө үйрөнүү;
  • чанач жасоо;– саба жасоо;
  • тери боёо.

5) Териден буюм жасоо өнөрү:

  • камчы өрүү;
  • ат жабдыктарын жасоо (нокто, жүгөн, куюшкан, басмайыл өрүү, ээр каптоо).
  • көөкөр жасоо;
  • териден кур жасоо;
  • териден китеп кап жасоо;
  • териден сумка жасоо;
  • териден комуз кап жасоо;
  • териден тон тигүү;
  • териден капчык жасоо;
  • териге сүрөт түшүрүү, түрдүү сувенир жасоо.

6) Жип менен иштөө өнөрү:

  • жиптен чачык түйүү;
  • жиптен өрмөк согуу (тизгич, үй боолорун согуу);
  • жип ийрип, аркан жасоо;7) Чий менен иштөө:
  • чий тартууга үйрөнүү;
  • чий чырмоо;
  • чий чырмап, боз үйгө ашкана жасоо;– чий чырмап, боз үйгө эшик согуу;
  • боз үйгө чий чырмоо.

8) Темир менен иштөө өнөрү

  • темирден така жасоо;
  • темирден кычкач жасоо;
  • темирден калак жасоо;
  • темирден чайнек илгич жасоо;
  • ооз комуз жасоо;
  • илме шибеге жасоо;
  • нан чеккич жасоо;

9) Чоподон буюм жасоо өнөрү:

  • чоподон идиш жасоо;
  • чопо чоор жасоо;
  • чоподон түрдүү айкелдерди (сувенирлерди) жасоо;10) Таш чегүү өнөрү:
  • таштан жаргылчак чегүү
  • тегирмен ташын чегүү11) Курак куроо өнөрү:
  • курак жер төшөк жасоо;
  • курак туш кийиз жасоо;
  • курак шырдак жасоо;
  • курак курап, түрдүү сувенирлерди жасоо.

12) Сайма саюу өнөрү боюнча:

  • чапанга, кемселге сайма түшүрүү;
  • калпакка сайма түшүрүү;
  • туш кийиз саюу;
  • түрдүү сувенирлерди кооздоп сайма саюу;
  • белдемчиге сайма түшүрүү;
  • шөкүлөгө, топуга сайма түшүрүү;
  • аяккап, чыныкапка, чайнек жапкычка сайма түшүрүү.

Экинчи багыт: Улуттук спорт өнөрү:

1) Кыймылдуу оюндары:

  • балбан күрөш оюну;
  • кол күрөш оюну;
  • чикит оюну;
  • ак чөлмөк оюну;
  • жоолук таштамай;
  • аркан тартмай;
  • токту сурамай оюну;
  • көз таңмай;
  • жашынмак;
  • ак терек, көк терек;
  • оромпой оюну;
  • селкинчек, «ала бакан» оюну.

2) Акыл оюн өнөрү:

  • тогуз коргоол оюну;– табышмак айтышуу; 3) Сөз оюн өнөрү:
  • «Акыйнек» оюну;
  • Жаңылмач айтышуу;
  • Макал-лакап айтышуу;
  • жомок айтышуу;4) Чүкө оюн өнөрү:
  • «Ордо» оюну;
  • «Жедирмек» оюну;
  • «Сасыды» оюну;
  • «үч тапан» оюну;– «Ханым-дат» оюну 5) Ат оюндары
  • «Эр эңиш» оюну;
  • «Кыз куумай» оюну;
  • «Тыйын эңмей» оюну;– «Ат чабыш» оюну.

Үчүнчү багыт: улуттук өнөрпоздукка үйрөтүү.

  • комуз чертүү өнөрү;
  • улуттук бий өнөрү;– айтыш өнөрү;
  • чечендик өнөр.

Төртүнчү багыт: улуттук тамак-аш жасоо өнөрү:

  • эжигей жасоо өнөрү;
  • сүмөлөк жасоо өнөрү;
  • курут кайнатуу өнөрү;
  • кошкон май жасоо өнөрү;
  • беш бармак жасоо өнөрү;
  • куймак жасоо өнөрү;
  • быжы жасоо өнөрү;
  • кымыз ачытуу өнөрү;
  • күлазык жасоо өнөрү;– жупка жасоо өнөрү;
  • жуурат ачытуу өнөрү;
  • каттама жасоо өнөрү;
  • олобо жасоо өнөрү;
  • шир күрүч жасоо өнөрү;– ууз бышыруу өнөрү.

20. ҮРП-АДАТ, КААДА-САЛТТАР, ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР

  1. Жаш балага байланыштуу каада-салттар:
  • ымыркайды сары май менен оозантуу;
  • ымыркайга ат коюу;
  • киндик эне болуу;
  • сүйүнчүлөө;
  • жентек той берүү;
  • көрүндүк берүү;
  • кыркын чыгаруу;
  • карын чачын алдыруу;
  • тырмагын алдыруу;
  • бешикке салуу;
  • кас-кас тургузуу;
  • тушоосун кесүү;
  • сүннөт тою (эркек бала үчүн);
  • мүчөл чыгаруу;
  • кулагын көзөө (кыз бала үчүн);
  • чачын өрүү;
  • бала асыроо;
  • баланы качыруу;
  • эмчектеш кылуу;
  • баланы эмчектен чыгаруу;
  • баланы жентектөө;
  • бармак тиштетүү;
  • оозуна түкүртүү;
  • көкүл коюу;
  • мал энчилөө;
  • энчи бөлүү;– бата тилөө; – бата берүү.

2) Бойго жеткен кыз жана эркек балдарга карата өткөрүлүүчү каада-салттар

  • сөйкө салуу;
  • жуучу болуу;
  • куда түшүү;
  • жар көрүү;
  • келин алуу;
  • кыз узатуу;
  • куда тосуу;
  • үйлөнүү үлпөтү;
  • келин көрүү;
  • күйөө баланы жүгүнтүү;
  • нике кыюу;
  • өкүл ата шайлоо;
  • төркүлөө;
  • ачуу басар;
  • отко киргизүү;
  • аркан тосуу;
  • ак чачуу (дан чачуу);
  • чачыла чачуу;
  • сөз айттыруу;
  • куданын алдына түшүү;
  • калың төлөө;– кийит көрүү;
  • кыз ала качуу;
  • куугунга баруу;
  • сеп берүү;
  • күйөө баштык берүү;
  • сүт акы берүү;
  • тасмал акы берүү;
  • кийит көрүү;
  • кийит кийгизүү;
  • бүчү боо берүү;– кошумча суроо (ыража);
  • эненин этегине таш бастыруу.

3) Меймандостукка байланыштуу:

  • конок айттыруу;
  • конок күтүү (тосуу);
  • конок алуу;
  • ат алуу;
  • атказуу;
  • колго суу куюу;
  • сый тартуу берүү;
  • конок каадасы кылуу;
  • малга бата кылуу;
  • мал союу;
  • мууздоо ооз түйүү;
  • устукандоо;
  • эт тартуу;
  • устукан берүү;– уча тартуу; – ат токуу.
  • тойго кеңешке чакыруу;
  • мүчө берүү;
  • мүчө коюу;
  • тойдон кешик берүү;
  • устукан берүү;
  • түп коюу;
  • үй көтөрүү;
  • там түптөө;
  • устун тартуу;
  • жээн табак кармоо;
  • табак тартуу;
  • улуулата устукан берүү;
  • маараке той өткөрүү;
  • куттук айтуу;
  • тайкени күтүү (тосуу);– досту күтүү. – ысырыктоо;
  • киринелөө;
  • ай көрүү;
  • дарындоо;
  • тил буу;

5) Ырым-жырым каадалары:

  • жайчынын көзүн куйкалоо;
  • дем салуу;
  • «ап-аптоо»;
  • түлөө өткөрүү;
  • «сук-суктоо»;
  • суу айлантып чачуу;
  • түш жоруу (түш жорутуу);
  • жүрөгүн көтөрүү;
  • канат чабуу;
  • өпкө чабуу, жүрөк чабуу;
  • тумар тагуу;
  • кертик суроо;
  • адалдоо;
  • кут куйдуруу;
  • төлгө тарттыруу;– күн күркүрөгөндөгү айтым; – өткүн өткөндөгү айтым.

6) Көчкө байланыштуу жасалган каада-салттар:

  • журт чалуу;
  • көчүү;
  • журт жалгоо;
  • өрүлүктөө;
  • түндүк көтөрүү;
  • журт которуу;
  • желе байлоо;
  • «көкала» ооз тийүү;
  • ширге жыяр ооз тийүү;
  • үлүш берүү;– ажырашар аяк берүү; – эшик-төрүн көрүү.

7) Өз ара түрдүү мамиле адебине байланыштуу каада-салттар:

  • салам айтуу;
  • саламга келүү;
  • ашарга чакыруу;
  • шеринелеш болуу;
  • ыражалаш болуу;
  • жээнтабак кармоо;
  • алдыга түшүү;
  • күбөгө өтүү;
  • базарлык берүү;
  • чучу кулакка тартуу;
  • кечип салуу;
  • арачалоо;
  • ачуусун суроо;
  • ортомчулук кылуу;
  • чагым салуу;
  • айыпка жыгуу;
  • салык салуу;
  • жараштыруу, элдештирүү;
  • топко береке айтуу;
  • ант берүү;
  • касам ичүү;
  • кепилдикке өтүү;
  • жолдугун жасоо;
  • алыс жолго узатуу;
  • кун төлөө;
  • үстөк берүү;
  • достоштуруу;
  • «Баш таңмай»;
  • шыралга берүү;
  • талак айтуу;
  • соопчулук кылуу;
  • топко береке айтуу;– тартуу кылуу; – ыроолоо.

8) Мал-жанга байланыштуу ырым, каадалар:

  • музоону кылоолоо;
  • малга эн салуу;
  • телүү;
  • мал биттөө;
  • жылкы кылдоо;
  • көкүл куттуктоо;
  • шырылдаң айтуу.

14) Эмгекке байланыштуу:

  • «Ашарга» чакыруу;
  • «Чечкор» майрамын өткөрүү;
  • «Шырылдаң» айтуу;
  • «Оп майда» айтуу;
  • «Бекбекей» айтуу;
  • «Кырманга береке» айтуу;
  • «Чечке береке» айтуу;– «Үлүш» майрамын өткөрүү; – Учук салуу.

21. КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТЫЮУ, БУЮРУУ ЖАНА ЫРЫМ СӨЗДӨРҮ (элдик үлгүлөрдөн)

Жаш балага карата айтылгандар:

  • бешикти куру терметпейт;
  • уктап жаткан баланы көтөрүп жаткырбайт;
  • наристе баланы көп карабайт;
  • ымыркай баланы өппөйт;
  • тили чыга элек баланы күзгүгө карантпайт;
  • тили чыга элек баланын кийимин түндө эшикке калтырбайт;

Тамак-ашка карата айтылгандар:

  • куттуу үйдөн кур ооз чыкпайт;
  • алдына келген ашты күттүрбөйт;
  • бирөөгө койгон ырыскыны бирөөгө бербейт;
  • тасмалды тетири салбайт;
  • нанды тепсебейт;
  • нандын үстүнө эч нерсе койбойт;
  • тасмалды аттап өтпөйт;
  • нанды үзүп жебейт;
  • киши келатканда тамакты жашырып катпайт;
  • нанды чалкасынан таштабайт;
  • куру тасмалга бата тилебейт;
  • кир кол менен нанды кармаба,
  • нандын күкүмүн тепсендиге таштабайт;
  • нанды тең бөлүп сындырса, ырыскы жалпыга тең болот;
  • ак төгүлсө жакага сүртөт;
  • тамак ичерде, адегенде, нандан оозтий;
  • тамакка озунуп кол салгандан курсак тоюп кетпейт;
  • бышып турган ашты таштаба;
  • тамак жеп бүткөндө, түбүн чогултуп бата тилейт, ал: «ырыскыбыз бирге болсун» – дегени.

Мал-жанга, үй айбанаттарга байланыштуу:

  • мал короого даарат ушатпайт;
  • ээрге тетири минбейт;
  • малды тээп айдабайт;
  • минген атыңды башка чаппа, жолуңдан адашасың;
  • ит аякты теппейт;
  • ит аякка казандан аш куйбайт;
  • ат жалына бут чыгарбайт;
  • ит менен мышыкты жакын адамдан бекер албайт.

Үй тиричилигине байланыштуу айтылгандар:

  • босогону баштанып жатпайт;
  • шыпыргыны тикесинен жөлөбөйт
  • коломтонун күлүн чачпайт;
  • шыпыргы менен адамга тап бербейт;
  • босогону басып турбайт;
  • босогону кулачтабайт;
  • үйдөн чыгып баратканда босогону тепсебейт;
  • отту суу сээп өчүрбөйт;
  • көсө менен адамга тап бербейт;
  • балта, мылтык, бычактын анты бар, алар менен адамга тап бербейт;
  • бычакты чалкасынан таштабайт;
  • кишини шыпыргы менен чаппайт, тап бербейт;
  • конок келатканда үй шыпырбайт;
  • келаткан кишиге карай суу чачпайт;
  • кир жууганга даярдаган суудан адамга ичүүгө бербейт;
  • кыбыланы тээп уктабайт;
  • шыпырындыны тепсебейт;– буюмду тээп жылдырбайт;
  • жөнсүз тетири карап олтурбайт;
  • боюн карыштап ченебейт;
  • керген жиптин астынан өтпөйт, боюң өспөй калат;
  • күн чыкканча уктаган ырыскыдан кур калат;
  • түндүктү тегеретпейт;
  • тулганы теппейт;
  • түндө шыпырындыны эшиккке чыгарбайт;
  • босогого олтурбайт;
  • караңгыда кишиге эшик ачпайт;

Кийим-кечеге байланыштуу айтылгандар: – чапанды курулай желбегей жамынып олтурбайт;

  • баш кийимди тетири каратып кийбейт;
  • баш кийимди тегеретип ойнобойт;
  • шымды башка жазданбайт;
  • жаңы кийим кийген адамга «курлуу болсун» де;
  • баш кийимин сатпайт;
  • баш кийимин бирөөгө белекке бербейт;

Жүрүм-турум жана мамиле адебине карата:

  • адегенде саламдаш;
  • чач алганда тепсендиге таштабайт;
  • сууга түкүрбөйт;
  • сууга заара кылбайт;
  • адамды ийнинен баспайт;
  • куру-бекер бөйрөк таянып турбайт;
  • жаздыкты адамдын башынан сууруп албайт;
  • бар буюмду кор кармабайт;
  • бирөөнү кордосоң, өзүң бирөөгө кор болосуң;
  • жаткан адамдын башынан аттабайт;
  • бешикти аттап өтпөйт;
  • эл олтурганда тикелей турбайт;
  • адамды малча санабайт;
  • кишиге карап түкүрбө;
  • колду жууган соң силкпе;
  • бармагыңды сорбо, жакыр болуп каласың;
  • босогодон өйүз-бүйүз туруп учурашпайт;
  • карынын каргышына калба;
  • тамак жегенде жер таянбай отур;
  • ооз кесир сүйлөбө;
  • бирөө ыйлап жатса күлбөйт;
  • жети атаңды унутпа;
  • улуу киши олтурганда бала алдынан өтпөйт, артынан өтөт;
  • бирөөнүн ырыскысына көз артпа;
  • тирүү адамдын сүрөтүн тетири каратып койбо;
  • карыптын каргышына калба;
  • курду моюнуңа салба;
  • жипти моюнуңа байлаба;

Идиш-аякка байланыштуу айтылгандар:

  • идиш аякка түкүрбөйт;
  • жаңы идишти жуубай аш куят;
  • идишти тээп жылдырбайт;
  • казанды тегеретип ыргытпайт;
  • табактын түбүн калдыратпайт;– куру аякты тасмалга койбойт;
  • жуулбаган идишти түнгө калтырба.

Убакытка байланыштуу айтылгандар:

  • кеч киргенде ыксыз күлбөйт;
  • беймаал убакта чач албайт;
  • караңгыда күзгүгө каранбайт;
  • таң азандан ыйлабайт;
  • кечинде оорулуунун акыбалын сурабайт;
  • караңгыда түш жорубайт;
  • күн чыкканга чейин уктабайт;
  • беймаал убакта (кеч күүгүмдө) жатпайт;
  • таңкы наарды таштабайт;
  • кечки тамакка күтпө;
  • караңгыда бирөөнүн атын атап чакырбайт;
  • караңгыда бөлмөдө күзгүгө каранбайт;
  • түндө туз сурабайт;
  • ач карын тырмак албайт;
  • түндө акча берсең сол колуң менен бер;
  • дүйнөнүн бүткөн күнү дүйшөмбү;
  • шаршемби жеңил күн;
  • иштин башы – ишенби;– жекшембиде жетесиң;

Жакшылык-жамандык жөнүндө:

  • жамандыкта күлбөйт;
  • көзү өткөн адамды жамандабайт;
  • мүрзөнүн жанында күлбөйт;
  • бирөөнүн жамандыгын тилебе, өзүңдүн амандыгыңды тиле;
  • эски күмбөздү жаңылап, оңдобойт:
  • мүрзөнү кол менен көргөзбөйт;
  • мүрзөгө таазим кылып өт;
  • жаман түш көрсөң, агын сууга айт;– айылда жамандык болгондо кир жуубайт;

Табиятка байланыштуу:

  • эртең менен турганда күнгө таазим эт;
  • шамалды сөкпөйт;
  • жылдызды кыркка чейин санабайт;
  • ай тийген терезенин тушуна уктабайт;
  • көк чөптү үзбө, боюң өспөй калат;
  • кумурсканын үйүн бузба, сенин да үйүң бузулуп калат;
  • чымчыктын уясын бузба, каргайт;
  • баканы өлтүрбө;
  • жыланды ак чачып узатат;
  • жаш чырпыкты сындырбайт.

Ден соолукка карата айтылгандар:

  • соо жаныңды оору дебе;
  • бутуңду жөнү жок тушаба;
  • колуңду бекерге байлаба;
  • ден соолугун сураганда «жаман» дебейт;

22. САНДАРГА ЖАРАША АЙТЫЛУУЧУ ЭЛДИК ТҮШҮНҮКТӨР

1 санына байланыштуу:

  • 1 Кудай;
  • өмүр;
  • «сөз бирөө, кулак экөө».
  • экинин бири;

2 санына байланыштуу: – эки дүйнөнүн ырахатын көрүү;

  • эки дүйнөдө ыраазы болуу;
  • эси эки болуу;
  • эки болбой кал (каргыш);
  • айтканды эки кылбоо;
  • экиленүү;
  • эки чайнап бир жутуу;
  • эки карап, бир чокуу;
  • эки кончун бир кончуна салуу;– эки кулагың менен ук!
  • эки колун малуу;
  • эки колун көтөрүү;
  • эки көзү төрт болуу;
  • эки доочу бир келсе, эсебиңдин кеткени;
  • эки ооз сөз айтуу.

3 санына байланыштуу:

  • үч жолу сыноо;
  • үч суроо берүү;
  • үч айландырып суу чачуу;
  • үч жолу жерге түкүрүү;
  • үч жолу эмдөө; (дем салуу, дарымдоо)
  • үч күн мүрзөгө баруу;
  • үч кадам аттоо;
  • үч тапан чыгаруу (чүкө оюндары)
  • үч көчкөн журттай көңүл калуу;
  • үч үйлөп кетирүү
  • үч үйлөп ичүү;
  • үч уктаса кирбеген түш көрүү;
  • үч талак айтуу;
  • үч жолу ант айтуу;
  • буюм тапса, тапканын үч ирет жарыя айтуу;
  • атанын карызы бар– жогу жөнүндө үч ирет айтуу;
  • үч катар асман;
  • үч күн күтүү;
  • үч ирет эскертүү;
  • үчүлүк өткөрүү;
  • үч муунга чейин баатырдык кылуу;
  • үч кошкону ажыроо.

4 санына байланыштуу:

  • төрт тарабың кыбыла;
  • төрт түлүк мал;
  • жаны төрт чарчы болуу;
  • төрт көзү түгөл;– төрт аяктап басуу;

5 санына байланыштуу

  • беш кол тең эмес;
  • бергенге бешөө көп, алганга алтоо аз;
  • беш колдой билүү;
  • беш көкүл курак;
  • бетинин беш терисин сыйруу;
  • беш таш менен топ таш ойно.

6 санына байланыштуу:

  • айласын алты кетирүү;
  • аялдын амалы алтоо;
  • алты айлык жолго аттануу (жомокто);– абайы алтоо, төбөйү төртөө;
  • алты айласын кетирүү.7 санына байланыштуу:
  • жети күн бир жума;
  • жети өлчөп бир кесүү;
  • жети катар асман
  • жети катар жер астына киргизүү
  • жети тыйын берүү;
  • жети жыл жер астында жүрүү;
  • жетилик өткөрүү;
  • жети атасын билүү;
  • жети түс;
  • жетинин бири кыдыр;
  • жети нан баабедин
  • жети жаштан, жетимиш жашка чейин чакыруу;
  • жээн келгенче, жети бөрү келсин;
  • жети баштуу жез кемпир;
  • жети кадам аттоо;
  • жети жыл мурда басып өткөндүн изин билүү;
  • жети өмүрү жерге кирүү (уят болуу).9 санына байланыштуу:
  • курсактагы баланы тогуз ай көтөрүү;
  • тогуз толгоосу бир келүү;
  • тогуз токоч баабедин кылуу;
  • тогуздап калың берүү;
  • тогуз жолдун тоому;
  • тогуз канат кереге;
  • тогуздап айып салуу;– тогуздап айып төлөө;
  • «тогуз кайрык».

10 санына байланыштуу:

– он гүлүнүн бир гүлү ачылуу.

12 санына байланыштуу:

  • он эки жаш бир мүчөл – балакатка келүү;
  • он эки ай бир жыл – түгөлдүктү, толуктукту, телегейи тегиздикти билдирет.

30 санына байланыштуу:

  • отуз күн орозо;
  • отуз күн – бир ай;
  • отузунда орок оро албаган, кыркында кылыч шилтей албайт…

40 санына байланыштуу:

  • кыркын чыгаруу;
  • кырк күн той берүү;
  • кырк аш берүү;
  • кырк жыл күтүү;
  • «кыргыздын акысы кырк жылда»;
  • кырк кыл куйрук тартуулоо;
  • кырк кыз күтүү;
  • кырк жигит күтүү;
  • кырк уруу кыргыз;
  • кырк күн күлүк суутуу;
  • кырк кадам аттоо;
  • кырк кулач ажыдаар менен күрөшүү;
  • бою бир карыш, сакалы кырк карыш абышкага жолугуу;
  • кырк оро толтура кан кусуу;
  • кырк күнү суу ичүү (дарылоо);
  • кырк кара кочкорду төлдөтүүгө берүү.
  • кырк эркечтин майына кыш бышыруу;
  • кырк чилде түшүү41 санына байланыштуу:
  • кырк бир таштан төлгө салуу50 санына байланыштуу:
  • «элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы»90 санына байланыштуу: – «токсон чыкпай, тоң чыкпайт» 100 санына байланыштуу:
  • жүз жыл бир кылым; жүз баш үй көтөрүү;
  • «жүз жылда жер жаңы»1000 санына байланыштуу:
  • миң кыял; миң санат;
  • миң улактуу Суречки;
  • миңинчи аткан кийиктин оңко туруусу; миң түркүн дүнүйө;
  • миңдин бири;
  • миң айласын жасоо; миңдин бирине дары болуу;– миң күндүк караңгыдан бир күндүк жарык.

 

23. КЫРГЫЗЧА ЧЕН-ӨЛЧӨМДӨРДҮ ТУЮНДУРГАН ТҮЙҮНДҮҮ СӨЗДӨР

Узундук жана аралык өлчөмдөрү:

  • бир эли;
  • бир нукум;
  • бир сөөм;
  • бир карыш;
  • чыканак бою;
  • бир кулач;
  • бир кез;
  • бир кадам;
  • бир тапан;
  • үч тапан;
  • бута атым;
  • тай чабым;
  • кунан чабым;
  • ат чабым;
  • бир күндүк жол;
  • жети күндүк жол;
  • алты айлык жол;
  • кырк күндүк жол;
  • кес (метр сыяктуу чен бирдиги);
  • сере (бир укум өлчөмүндөгү узундук чени, «Манас» эпосунан);
  • кой көчүм;
  • козу көчүм;
  • бир чакырым;
  • шашкелик жер;
  • каш менен кабактын ортосундай.Бийиктик өлчөмдөрү:
  • темененин боюндай;
  • теректин боюндай;
  • киши бою;
  • аркан бою;
  • тизе бою;
  • кекиртекке чейин;
  • тушарга чейин;
  • кереге бою;
  • укурук бою;– аркан бою.
  • кылдай;
  • кыпындай;
  • көздүн жашындай;
  • тырмактай;
  • тырмактын агындай;
  • муштумдай;
  • кишинин башындай;
  • томуктай;
  • аттын башындай;
  • тоодой;
  • тепкедей;
  • дайрадай;
  • бир ууртам;
  • бир ууч;

Чоңдук жана көлөм өлчөмдөрү:

  • бир кочуш;
  • бир чымчым;
  • бир үзүм;
  • чыпалактай
  • бармактай;
  • бир чымчым;
  • бир кесим;
  • бир баштык
  • бир кап;
  • челектей;
  • бир тулуп;
  • төө моюн;– көчкүдөй;
  • тоодой;
  • ороодой;
  • таман;
  • билектей;
  • жеңдей;
  • жоон сандай;
  • өгүздүн белиндей
  • бармак басымдай;
  • алакандай;
  • алакандын отундай;
  • чарадай;
  • арабадай жер;
  • үй ордундай;
  • кырмандын ордундай;
  • булактын көзүндөй;– темененин көзүндөй;

Аянт өлчөмдөрүн билдирген сөздөр:

  • ийненин көзүндөй;
  • бир теше жер;
  • көз ирмемче;
  • чай кайнамча;
  • бээ саам;
  • аш бышым;
  • ай уй дегенче.

Убакыт өлчөмдөрү:

  • көз ирмемче;
  • чай кайнамча;
  • бээ саам;
  • аш бышым;
  • ай уй дегенче;
  • ана мына дегиче;
  • көз ачып жумганча;
  • таң аткандан күн батканча;
  • күн бою;
  • түн бою;
  • ай бою;
  • жыл бою;
  • таң атканча;
  • түш оогончо;
  • түн оогончо;
  • күн батканча;
  • каш карайганча;
  • бир жума;
  • бир мүчөл;– бир кылым.

Салмак өлчөмү:

  • батман тонна өлчөмү;
  • пуд центнердин бөлүгү (мисалы, 1 пуд 2 чака, 20 кг.);
  • чексе килограмм өлчөмү (болжол менен 1кг.);
  • мыскал грамм өлчөмүндөгү бирдик;– чейрек бөлүктүн төрттөн бири;
  • кадак жарым килограммдай.Күндүн убакыттары:
  • таң ык салган кез;
  • таң куланөөк болгон кез;
  • таң заары;
  • таң аппак аткан кез;
  • күндүн көзү кылайган кез;
  • күндүн нуру чачыраган кез;
  • күн тоо башына тийген кез;
  • күн аркан бою көтөрүлгөн кез;
  • күн жерге толук тийген кез;
  • жалган шашке болгон кез;
  • улуу шашке;
  • жалган түш;
  • чак түш;
  • күн төбөдөн тийген кез;
  • түш оогон кез;
  • бешим болгон кез;
  • бешимден оогон кез;
  • кеч бешим;
  • күн кылкылдап батар кез;
  • кызыл күүгүм;
  • кеч күүгүм;
  • каш карайган кез;
  • көз байланган кез;
  • жылдыз чыккан кез;
  • ай отуруп тийген кез;
  • жылдыз толгон кез;
  • түн бышкан кез;
  • түн ортосу;
  • түн оогон кез;
  • түн талаш болгон кез;– таң каракчысы түшкөн кез.

24. КЫРГЫЗДЫН ЫЙЫК ТҮШҮНҮКТӨРҮ

Кыргыздын жети ыйыгы:

  1. Асман
  2. Күн
  3. Ай
  4. Жылдыз
  5. Жер
  6. Суу
  7. Нан

Кыргыздын тогуз ыйыгы:

  1. Асман
  2. Күн
  3. Ай
  4. Жылдыз
  5. Жер
  6. Суу
  7. Нан
  8. Кан
  9. Жол

(О.Айтымбетов, «Кара кыргыз», Б., 2007, төрт томдук, 1-том.)

Кыргыздын кырк ыйыгы:

  1. Асман
  2. Күн
  3. Ай

4.Жылдыз

  1. Жер
  2. Суу
  3. Нан
  4. Кан
  5. Жол
  6. Ата
  7. Эне
  8. Бала
  9. Өмүр
  10. Үй, үй-бүлө
  11. Жети ата
  12. Адам ариети
  13. Эне тили
  14. Ата-Журт
  15. Абийир
  16. Намыс
  17. Баш кийим
  18. Комуз
  19. Сөз
  20. Салт
  21. Нарк
  22. Ырым
  23. Каада
  24. Ант
  25. Устат
  26. Дасторкон
  27. Ак (сүт)
  28. Пирлер
  29. Аманат
  30. Керээз
  31. Мурас
  32. Мазар
  33. Бейит
  34. Арбак
  35. Тумар
  36. Кут

 

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗДЫН НАРКТУУ ТҮШҮНҮКТӨРҮ ТУУРАЛУУ ЭЛДИК АҢГЕМЕЛЕР

Адам болуу, ата-энени сыйлоо тууралуу элдик аңгеме:

Падыша болгончо, адам бол

Илгери бир адамдын жалгыз уулу болуптур. Ал өтө тентек өсүп, жашынан эле атасын көп бушайманга салчу экен. Ошондо кейиген атасы: «Аай, балам, сен адам болбойсуң го»,– деп кайгыга батыптыр.

Баласы айылына батпай, жер кыдырып кетиптир. Өзүнө окшош тентек балдардан топ түзүп, каракчылык кылып, элди тоноп, ошондон «баатыр» атка конуп, анан бир катар элди-жерди басып алып, ошол жерге падыша болууга жетишкен экен.

Падыша болгондо атасын эстеп, аны тезинен алып келүүгө кызматчыларын жумшайт. Иштин жайын билбеген кызматчылары абышканы издеп жөнөшөт. Бир кичинекей айылдан бөжөйүп карыган абышканы табышат да, демитип шаштырышат:

  • Эй, абышка! Алдыбызга түш, сени падыша тезинен алып келсин деди,– дейт.

Падышада жумушу жоктугун айтып, мендей карыган чалдын ага эмне кереги бар-деп көнбөйт. Бирок, бири колунан байлап, бири артынан айдап, кызматчылар падышанын айтканын аткарып, карыган абышканы уулунун алдына дегдеңдетип алып келишет.

Ошондо атасына карап, падыша уулу учурашып да койбостон:

  • Ата, мен бала кезимде «сен адам болбойсуң» дечү элең. Мына мен падыша болдум! – дейт мактаныч менен.

Анда атасы уулуна капа болуп:

  • Балам, мен сени падыша болсо экен деп тиленген эмес элем. Адам болсо экен деп тиледим эле. Падыша болгонуң менен, адам болбопсун! – дептир дейт.

Уул балдардын кандай болушу керектиги тууралуу аңгеме:

Уул жок, бала бар

Кайсы бир жерде, кайсы бир элде бир кары адам жалгыз өзү ылай жасап, аны буту менен тебелеп, кайра өзү жалгыз мээнеттенип колу менен жууруп дубал уруп олтурган экен. Анын ошентип ысыктын күнүндө кыйналып жалгыз иштеп отурганын көргөн бир жолоочу адам кайрылып калат. Учурашкан соң, ал тиги карыяны аяй тиктеп:

  • Ысыктын күнүндө минтип жалгыз кыйналбай, уул балдарды ишке салсаңыз болмок экен,– деп кайрылат.

Карыя адам жолоочуну ойлуу тиктейт да, чеке терин аарчынып, жерге отура кетет да:

  • Менде уул жок, балдар бар – дейт ойлуу. Жолоочу сөзгө түшүнбөй калат да, кайра сурайт:
  • Балдарыңыз бар экен го. А уул жок дегениңизге түшүнбөдүм.
  • Ошол эркек балдар уул болсо, мени карыганда минтип жалгыз калтырып кетишет беле? – деген экен карыя.

Бактылуулук тууралуу элдик аңгеме:

«Бак карасын, Кыдыр даарысын»

Кыргыздар дайым бата бергенде: «Бак карасын, кыдыр даарысын»,– деп бата беришет. Албетте, бул жакшы ой, жакшы тилек. Ошентсе да, анын толук маани маңызына, элдик түшүнүктө ал эмне болуп айтылып калганына назар салбай келебиз.

Дегинкисинде, «кыдыр» жана «даары» сөздөр эмнени туюнтат? Байыркы кыргыздардын түшүнүгүндө дүйнөнүн жети акылманын аныктоо тууралуу кепте кыргыздын Кыдыр алейкисаламы ошо жети акылмандын бири катары чакыртылганы тууралуу жазуучу-тарыхчы О.Айтымбетов «Кара кыргыз» аттуу китебинде жазганы бар. Анын жазганына караганда, Кыдыр алейкисалам кыргыз болгон жана ал пайгамбарга тете эң эле касиеттүү адам болгон. Ал көңүл салып, дуба кылып, назарын коюп, батасын берип, т.а. «даарып» кеткен адам сөзсүз бир жакшылыкка жолуккан деген түшүнүк калган.

Бүгүн да «жетинин бири – кыдыр» деп, «кыдыр жолуккан адам» деп уламыш-аңыз кептери айтылат. Демек, андай болсо, жогорудагы сөз бекер айтылган эмес экен да.

Ушуга ылайык мындай бир улама сөз бар экен. Бир карапайым адам жалгыз уулуна комуз үйрөтүп үйүндө отурса, белгисиз бир карыя жолоочу адам келип калат. Үй ээси тура калып тосуп, алыстан келаткан жолоочуга суусундук сунуп жакшылап көңүл коюп кабыл алат. Ошондо көңүлү жибиген жолоочу адам «балаң жалпы журтка аты угулган, кылымдар бою ысымы өчпөгөн залкар комузчу болсун» деп бата берет экен. Жолоочунун батасына эреркеген бечера абышка «жалгыз балам эле, багын Кудайым ачса экен» деп тиленгенин билдирет.

Ошондо жолоочу: «Азыр менин артымдан Бак келет, балаңды карап койсо ажап эмес» дейт да, үйдөн мындай узап дайынсыз жоголот. Үй ээси эси эки болуп, бул Кыдыралейки саламдын өзү тура, деп отуруп калат.

Ошо тапта уулу кошунанын баласы менен үй тушунда ойноп отуруп калат. Аңгыча дүйнө кезип жүргөн Бак келатып, ойноп отурган эки баланы көрөт да, комуз кармап отурган баланы Кыдыралейки салам даарып кеткенин туюп, «бул го өнөрү өлбөс адам болор, тиги эч нерсеге эби жок бечера бала кантер экен, жок дегенде бактылуу болсунчу» деп, көңүл салып карап өтөт экен.

Кийин-кийин баралына келгенде Кыдыр даарыган биринчи бала кыргыздын кыйырына аты угулган улуу өнөрпоз комузчу болуптур, берки экинчи бала эч нерсеге шыгы жок болсо да, бактылуу, ырыс-кешиктүү болуп, бакубат жашап өткөн экен.

Ушундан улам элибизде «Бак карасын, кыдыр даарысын» деген касиеттүү сөз унутулбай айтылып келет экен.

Адамдын турмушка топуктуулук кылуусу тууралуу аңгеме:

Көз эмнеге тоёт?

Чын эле, адамдын көзү эмнеге тоёт? Ал бу дүйнөдөгү бардык кооздуктарды, алтын менен күмүш сындуу байлыктарды, ширин-ширин тамак-аштарды, кымбат кийимкечектерди деги койчу баарын көзүнө батырып, көңүлү тойбойт. Сүйгөн адамын суктана карап, дүйнөдөгү бар жакшыны жалгыз өзүнө менчиктеп, түбөлүк жыргалга батып жашагысы келет. Карын тойсо да, көз тойбойт деген ушу тура.

Илгери, кайсы бир заманда сан байлыкты менчиктеп сайран куруп жашаган бир хан дүйнөдөн өтөт тура. Баягы байлыгынын баары калат, сайран курган дүйнө калат, чексиз бийлик жүргүзүп минип отурган тактысы калат. Тирүүсүндө кооздугуна көзү тойбогон алтын сарайы калат.

Ал өзүнүн өлөрүн билип, баягы чексиз байлыгына суктанып көзү тойбой карап жатып жаны үзүлөт. Ошондон го, көзү ачылган боюнча калат.

Жанында отурган кыйбас вазири хандын ачылып калган көзүн жумдуруп коюуга аракет кылат. Бирок жабылбайт. Тирүүдөй болуп, өлсө да, көзү жабылбай турган хан ого бетер сүрдүү көрүнөт. Дарыгер менен кеңешип, хандын ачылып калган көзүн жумдуруп коё алышпайт.

Хандын көзү жумулбай өлгөнү уккан-көргөндөрдүн баарынын тынчын алат.

Дүнүйөгө көзү тойбогон ач көз адамдын өлсө да көзү жумулбайт тура, деген сөздөр тарайт эл ичинде.

Жерге коёр убакыт келгенине карабай, эмне кыларын вазирлер билишпейт. Көзү ачык коюуга болбойт. Көзүн жумдуруп койбосок залакасы баарыбызга тиет дешип, айлалары кетет. Ошондо көп жашап көптү көрүп, көптү билген бир акылман карыя келет да:

Менин айтканымды кылгыла. Балким силерге жакпай мыскылдагандай туюлар. Бирок айла жок. Ошондо гана өлгөн хандын көзү «тойдум» деп көзү жумулат,– дейт ал.

Айлалары түгөнгөн вазирлери анын айтканын жасоого макул болот.

  • Бир ууч топурак алып келгиле андай болсо,– деп буюрат карыя. Ал айткан бир ууч топурак да келет.

Карыя топуракты хандын жумулбай турган көзүнө куюп жиберет. Топурак куюлган соң, көз жумулат.

  • Тирүүсүндө тойбогон ач көз адамдын көзү топуракка тоёт деген ушул, дейт карыя турган элге. Топурак куюлганда гана көз «эми тойдум» – деп жумулат.

Ушундан кийин эл ичинде, «ач көз дүнүйөгө эмес, топуракка тоёт» деген сөз калыптыр.

 

Эне сүтүнөн кантип кутулуу керектиги тууралуу аңгеме:

Бала канткенде эне сүтүнөн кутулат?

Чын эле, бала эне сүтүнөн канткенде кутулат? Уулу же кызы эл бийлеген падыша болобу же эптеп жанын баккан карапайым бирөө болобу эне алдында ал бала. Андыктан, эне сүтүнөн кутулуу баары үчүн бирдей да.

Эл ичинде мындай бир аңыз сөз бар ушул жагдайда. Илгери үй-жайлуу, бала бакыралуу болуп калган бир киши акылман карыяга барып кеңеш сурайт экен:

  • Айтыңызчы, мен бир нерсени чече албай кыйналып жүрөм: байлык жыйнадым, ал ким үчүн? Ал эртеңки күнү бала-чакам үчүндүр? Бийликке умтулдум, эл башкардым, ал ким үчүн? Ал балким, өзүм күнчөлүк сайрандап ойноп-күлүү үчүндүр? А ак сүтүн эмизип чоңойткон энем үчүн эмне кылдым? Ошол үчүн, энемдин эмчек сүтүнөн тирүүсүндө кантип кутулам деген ой түн уйкумду, күн тынчымды алып жүрөт. Кеңеш бериңизчи?
  • Минтип кыйналганыңдын жөнү бар экен? Ырас, ошол милдеттен кутулууну чындап ойлонсоң, ал оюңду тезинен аткар,– дейт акылман карыя.
  • Макул, аткарайын. Бирок эмне кылышым керек? Эмнеден баштоом керек?
  • Анда энеңди мойнуңа мингизип жөө Меккеге алып барып кел. Ошондо эне сүтүнүн акысынан кутуласың?

Акылман карыянын кеңеши боюнча бала энесин жөө Меккеге мойнуна көтөрүп барып келет. Энеси уулунун мындай эрдигине абдан ыраазы болот. Анын маанайын көрүп, уулу да «эми энемдин эмчек сүтүнүн акысынан кутулдум» деп, жеңилденип, мойнунан оор жүктү алып салгандай болот. Бирок, уулу өтө шашып ойлонгон экен.

  • Апа, мен эми сиздин эмчек сүтүңүздүн акысынан кутулдумбу? – деп сурайт. Энеси анда:
  • Сага ыракмат, уулум. Ыраазымын. Бирок, бул эмгегиң, менин бир көз ирмемдик толгоомдун гана акысы болду деген экен.

 

Туулган жерин кыргыздар эмне үчүн ыйык тутары тууралуу аңгеме:

Туулган жердин топурагы алтын

Эзелки бир жоокерчилик заманда эки адам узак жолго чалгынга аттанган экен. Аттанып чыгып жатышып: «Кайра кайтып келер бекенбиз, эгер кайтып келсек, бул топурак кыйынчылык кезде жыттасак күч-кубат болор, а эгер тагдыр башка түшүп көз жумар күн туш болсо, жазданып жатар жаздыгыбыз болор!» дешип, туулган жеринин топурагынан бир уучтап жүз аарчысына түйүн чыгышат.

Алар алыс жол жүрүшүп аттары ыргайдай, өзүлөрү шыргыйдай болушуп, арып-чарчашат. Душмандын катуу багыт жолунда адам көрбөгөн азаптарды көрүшөт. Бир кезде экөө душмандын чегине жетишип, тоорулдук кылышат (тоорулдук кылуу-чалгындоо), капыстан кезиккен черүү менен кармашууга да туура келет. Кармашта бири оор жарадар болуп, кайра кайтып келаткан жолдо көз жумат. Ошондо баягы айылдан чыкканда айткан сөзү эсине түшүп, көз жумарда: «Туулган жеримдин топурагын башыма жаздап коём, аны жазданып, жалгызсырабай жатайын» деген экен шериги. Берки шериги анын айтканын аткарат.

Аман калганы туулган жерине жалгыз кайтат. Жолдо азыгы жок арып-чарчаганда, ал дагы эсине түшүп, баягы жүз аарчысына түйүп алган туулган жеринин бир ууч топурагын жыттап-жыттап кубат алыптыр. Топурактын жытынан туулган айылынын буудайынын ак нанынын жыты келип, абасы менен суусунун кубаты кошо келип, кайраттанат. Ошо күч-кубаты жана кайраты менен ал элине аман-эсен жеткен экен.

Ошондон улам: «Туулган жердин топурагы алтын» деген сөз эл ичинде унутулбай айтылып келет экен.

Боз үй, анын касиети тууралуу элдик накыл кеп «Эшик – эне, түндүк – ата, келин – кереге, уул – уук»

Эми ушул накыл кепти чечмелейли: эне (эшик, босого) – ак пейил, кең пейил болсо, эшик дайыма ачык болот. Ошон үчүн эшикти кыргыздар кең жасашат. Келим-кетими көп болсо ал үйдү «кең эшик» дейт, келим-кетими аз болсо ал үйдү «тар эшик» дешет.

Эне босого керегелерди бекем бириктирип, баш чалгыч (эне наркы) менен бекем кармап турса, кереге (келиндер) бекем болот, үйдүн негизи туруктуу болот.

Кереге кенен жайылса, (келиндердин пейилдери кең болсо) үй кенен болот, тар жайылса, үй шоңшоюп, көрксүз болот жана ичи тар болот. Керегелер канчалык бири-бири менен бекем бекитилип, баш чалгыч бекем кармап турса, кереге ууктарды (уулдарды, күйөөлөрүн) бекем кармап турат (келин адеби).

Уук (уул) – узун болсо, үй бийик көрүнөт, кыска болсо-жапыс көрүнөт; ууктар бекем турган керегени таянып, түндүктү (атаны) бекем тиреп (уул парызы) турат. Кереге (келиндер) бекем турбай чачылып кетсе, ууктар түндүктү (атаны) кармай албайт жана шамалга туруктуу болбой, үй урап түшөт. Ууктарды иреттеп, чачылып, кыйшайып кетпесин үчүн тизгич менен (адеп-ыйман) иреттеп тизишет.

Түндүк (ата) –  ууктары менен чамгарагы (абырою) бийик болсо, үй алыстан көрүнүп турат. Түндүк ууктарды бекем кармап туруусу үчүн ага жакшылап чулгуур (ата наркы) салынат. Чулгууру жакшы боло, түндүк ууктарды бекем кармайт жана үй шамалга туруктуу болот.

Үйдүн үзүк-туурдугу үй ээсинин пейилин билгизет, ошондуктан, кыргыздар үзүк-туурдуктарын апаппак кийизден жасашкан, ал элибиздин ак пейилин, меймандостугун билгизген.

Кыргыздардын динге болгон мамилеси тууралуу аңгеме:

«Төрт тарабың кыбыла»

Элибизде ушундай бир сөз дамаамат айтылат: «Төрт тарабың кыбыла», бара бер, мындай эркиндик болобу» деп коюшат. Чын эле, аны уккан адам дагы өзүн эркин сезип, кайда барсам, эмне кылсам өз эрким дегендей кең дүйнөдө өзүн бакубат сезип калат.

Ошентсе да, бул сөздүн маани-маңызын билебизби-билбейбизби, баары бир каалагандай колдонуп сүйлөй  тургандыгыбызды  баамдабайбыз. Ошо баамдабагандыгыбыздан, мусулманчылыктагы ыйык бир түшүнүк – «кыбыла» дегенди каалаганыбыздай түшүнгөнүбүздү туйбайт экенбиз. Чын эле, кантип эле «төрт тарабыбыз» тең кыбыла болуп калсын? Мисалы, кыргыз эли үчүн кыбыла түшүнүгү батыш тарап, т.а. Кааба ташы жайгашкан Мекке жери менен байланыштуу.

А башкалар үчүнчү? Кааба ташынын ары жагында жашаган элдер үчүн кыбыла түшүнүгү кандай айтылат? Андай болсо, кыргыздын бул сөзү жөн гана ойдон чыгарылган кооз фразеологизм эмес окшойт.

Кеп мында экен. Меккеге барып келген адамдардын айткан улама кебинде «Төрт тарабың кыбыла» деген сөз бар экен. Анткени ажылыкка барып, миллиондогон мусулмандар ыйык кааба ташына сыйынуу намазын окуп отурган учурда анын кай тарабында отуруп окуса, кыбыла ошол тараптан, т.а. таштын батыш тарабында отуруп окуган адамга кыбыла чыгышта, чыгыш тарабында отуруп окуган адамга кыбыла батышта, ал эми түндүк тарабында отуруп окуган адамга түштүктө, түштүк тарабында отуруп окуган адамга түндүктө болуп туюлат тура.

Ошондон улам, чындап эле кыбыла төрт тараптан тең көрүнүп, эл ичинде «төрт тарабың кыбыла» деген туюм окшойт, урматтуу мусулман!

Дос күтүүдөгү элдик акылмандык жөнүндөгү аңгеме:

«Акмак достон акылдуу душман артык»

Кайсы бир жоокерчилик заманда кыргыздар башка бир баскынчы эл менен жоолашып калышкан экен. Адегенде эки элдин балбандары сайышып, андан соң жоокерлери тирешип, жеңише албай, душмандар ичинде кеги менен кайтып кетишет экен. Кыргыздарды согушуп жеңе албастыгын түшүнгөн душмандар арамза ой менен аракеттене башташат. Бир күнү жылкы тийип шылтоо издеп балбандарын бирден жалгыздап жок кылууну көздөп, дагы бир күнү думана кейпин кийип билинбей душмандыгын көргөзгөн дарыгерлери эл аралап шимшип келишет. Арам ойлору дагы да ишке ашпаган душман акыры билгизбей, кыргыздын баатыр кол башчысынын оң колу болгон адамдарын азгырууну ойлошот.

Жоокерчилик заманда даңкты гана көздөгөн, мен гана болсом деген ич күйдүлүк менен жүргөн достор да болору табигый нерсе эмеспи. Улуу кол башчынын байлык менен жылуу мактоого алданган баатыр досторунун бири бир күнү душманга колтук ачат экен. Баатырды үй-бүлөсү, бала-чакасы жана жалгыз бир тууганы менен сый конок болууга үйүнө чакырат. Эч нерседен кам санабаган баатыр кол башчы кооптуу жайга туш болорун ойлобойт. Түнкү эс алуу кезинде буктурмада жаткан баягы душмандар капыстан кол салышат.

Шашылыш кырдаалда эмне кылуунун жолун жадыбалдай билген кол башчы, кантсе да, өзү курчоодон аман качып кутулат, бирок ай чырайлуу аялы, ал мончок балдары, кандаш жалгыз бир тууган иниси душман колунда калат.

Эрдемсинген душмандын жоокерлери колго түшкөндөрдү өз падышасына белек кылып алпарышат. Кыргыздын кол башчысынын өзү эмес болсо да, аялы, балдары менен бир тууган иниси кол алдында мусапыр болуп турганы-кол башчынын өзүн туткундагандай баатырсынат. Анткени дал ошол туткундары аркылуу баатырдын өзүн алсыратам деп үмүттөнөт.

Кыргыз кол башчысы өзү катылган душманга миңдеген аскери менен душманынын чегине басып кирет. Бирок өзүнүн үй-бүлөсү үчүн ушунча аскерин кыргынга алып кирүүдөн тайсалдайт. Анткени душмандын да ошончо аскери анын алдынан тосуп алат. Ошондо: «Ай чырайлуу аялыңды күң кылам, ал мончок балдарыңды кул кылам, бир тууган иниңди казыкка отургузам. Эгер булар сага кымбат болсо, алдыма өзүң кел! Эгер согуш ачам десең, бул кымбат адамдарыңды экинчи көрбөйсүң» деп, душмандын падышасы элчи жиберет.

Кыргыз баатырын ой басат. «Аял жолдо, бала – белде» деген ата-бабадан калган сөз бар. Эртең эле үйлөнсөм аял табылар, үйлөнгөн соң кайра балалуу болормун. Бирок, кандаш бир тууган табылбас» деп ойлоп, бели майышат. Анан аргасы түгөнгөн баатыр душмандын элчисине: «башкасын бербесең да, жалгыз боорум бир тууганым эле, бир тууганымды кайрып бер» – деп кат жиберет. Катты окуган душмандын падышасы кыргыз баатырына таң калат, ай чырайлуу аялга, кара чечекей баласына карабаган, кандаш, боорлош жалгыз бир тууганына каңырыгы түтөгөн бул каарман баатырдын эркине баа берет. Ошондой күн башына түшкөн болсо, өзү да эмне кыларына ою жетпеген душман кыргыз баатырынын эркине таң калат.

Ушундай эр жүрөк, акылман жана эрки күчтүү баатырын душман колуна оңой эле салып берип, эми төрүндө урмат-сый көрүп отурган ичи тар кыргыз баатырын өзүнө чакырат.

– «Акмак достон – акылдуу душман артык» – деген туура экен,– дейт ага, сен ушундай акылман, эр жүрөк баатырыңды душман колуна салып берүүгө эркиң жеткен сен, дагы бир күнү мени да душман колуна салып берерсиң!-дейт да, анын башын алдырат.

Ал эми кыргыз баатырынын аялын, баласы менен бир тууганын өзүнө кайтарып берип, ага достук колун сунган экен.

 

Бир туугандын ыйыктыгы туурасындагы элдик аңгеме

«Баары табылат, бирок бир тууган табылбайт»

Ушул туурасында мындай бир элдик уламыш айтылып келет.

Кыргыз эли илгери жоокердик заманда сырткы душмандар менен тынымсыз салгылашып турган мезгил экен. Душмандын камынтпай басып келген чабуулунда кыргыздын бир баатыры колго түшүп калат. Кыргыз баатырын амал менен сындырууга душмандын ханы көп аракет кылат. Бирок баатыр колго аргасыз түшсө да рухун бербейт, багынбайт. Кыргыздын жоокердик күчтүү өнөрлөрүнүн сырын айтпайт. Кыйнаса, кыйынчылыктын баарына чыдайт, эл-жерин сатпайт.

Душмандын ханы мындай эр жүрөк баатырга ыраазы болот да, азаттык берүүнү чечет.

Ошол кезде кыргыз баатырынын аялын, баласын жана да жалгыз бир тууганын колго түшүрүшкөн экен. Душмандын ханы мындай дейт:

  • Болуптур, мен сени бошотоюн. Бирок сенин аялың, уулуң жана жалгыз бир тууганың менин колумда. Ушул үчөөнүн бирин танда… Сени менен бирге, үчөөнүн бирине азаттык берем.

Кыргыз баатыры ойлонот. «Сүйүктүү аялын тандайын дейт, ал оюнан кайтат. Сүймөнчүк уулун тандайын дейт, ал оюнан да кайтат. «Аял жолдо, бала белде» деген эл сөзүн эстейт. Бирок, бир ата бир энеден төрөлгөн асыл бир туугандан артык эч нерсе болбосун жана андай уялаш бир тууган эч качан табылбасын ойлойт…

  • Мен бир тууганымды тандадым,– дейт кыргыз баатыры. Анан анын себебин түшүндүрөт.

Ошондо кыргыз баатырынын акылмандыгына көзү жеткен душмандын ханы ага баа берет да:

  • Ушундай акылмандыгың менен калыстыгың үчүн, үчөөнө тең, аялына да, уулуңа да, бир тууганыңа да азаттык берем! – дейт.

Ошентип, акылмандыгы менен кыргыз баатыры уулун да, сүйүктүү аялын да, уялаш бир тууганын да душмандын азаптуу туткунунан куткарып калган экен.

 

Адамдын ырыскысы тууралуу элдик аңгеме:

«Ар кимдин өз ырыскысын өзүнө буюрган»

Бир адамдын бир уул жана бир кызы болгон экен. Улам чоңоё баштаганда байкаса, баласында эч кандай ырыскынын белгиси көрүнбөйт. А кызынын маңдайында ырыскынын жылдызы жанып турат. «Бул баламдын келечеги кандай болор экен?» деп атасын ой басат. Ошентип жүргөн кезинде жалгыз досу каза болот. Досунун жалгыз уулу болгон экен.

Караса анын баласында да ырыскынын белгиси жок.

«Буга бир ырыскылуу адам шерик бүлө болбосо, досумдун баласынын келечеги кандай болор экен» деп дагы да ой басат. Анан кезеги келгенде өзүнүн кызы менен досунун баласын баш коштурат.

Кызы менен досунун баласы уулдуу болот. Жээни там-туң басып калган кезде баягы адам баланы көрмөккө барып, конок болуп түшүп калат. Барса кичикей жээнинин маңдайында ырыскынын белгиси жок. Чочуп кеткен тиги адам кичинекей наристенин ырыскысы жоктугуна өтө кейийт.

Күйөө баласы кайнатасын коноктомок болуп, козу соё турган болот. Эшикке чыгып бата кылып жатып козуну караса, козуда да эч кандай ырыскынын белгиси жок. Бушайманга түшкөн кайнатасы: «Мунун сойбой эле койчу, балам» деп короодогу малды карай көз жүгүртсө, бир козунун маңдайында балбылдап ырыскы жанып турат. Ошону кармап келип союусун өтүнөт. Козу союлуп, эти казанга түшкөндө, тиги киши кызы менен күйөө баласына:

  • Мен бир ас тук этип уктап алайын, тамак бышканда ойготуп койгула. Мени ойготкончо эч кимиңер шорпосунан да ооз тийбегиле. Аксакал катары тамактын алдын мага бергиле,– дейт.

Кызы менен күйөө баласы атанын айткандай кылгысы келет, бирок чырылдап чыркырап кичинекей наристе казанга көзү өтүп талпынат. Ошондо шорпонун иткелинин алып жаткан апасы баланын эрдине иткелден сүртүп коёт.

Эт бышат. Карыяны ойготуп, этти тасмалга коюшат. Карыя караса тасмалдагы эттин ырыскысы жок…

  • Ата-а, балдарым ай, тасмалга койгуча эттен эч кимге ооз тийгизбегиле дедим эле го,– деп кейийт. Уяла түшкөн кызы бая чырылдап казандагы этке көзүн арткан кичинекей наристенин эрдине шорпонун иткелининен сүртүп койгонун айтат.

Ошондо тиги адам жөрмөлөп жанына келе калган наристе жээнине көңүл сала караса, маңдайында ырыскы жайнап турат дейт. Аны көрүп: «Ар кимдин өз ырыскысын өзүнө буюрат» деген ушу тура»,– деп тобоо кылган экен.

Жаңы келген келиндин кайын журттан орун-очок алуусу тууралуу аңгеме:

Отко киргизүү

Элибизде жаңы келген келинди жубайы менен отко киргизүү салты унутулбай улантылып келет. Соңку мезгилдерге чейин эле ата-бабалар, үйлөнгөн уул баланын эң жакын адамдары келинчеги менен үйүнө чакырып, аларга саап ичерге уй баласынан же минги болор жалдуу жылкы баласынан берип келчү.

Мында «отко киргизүү» өзгөчө маанилүү ырасмы болуу менен, ага атайын маани берилип жасалат да, жаңы үй-бүлө мүчөлөрү ошол жөрөлгөдөн кийин ал үйгө келипкетип, алака-мамилелери башталат.

Андай болсо, эмне үчүн аны ата-бабаларыбыз «отко киргизүү» деп атап калышты экен? Улуулардын айтымында, байыркы ата-бабаларыбыз жайы-кышы боз үйлөрдө от менен өмүр өткөрүшүп, ширеңке жок, күнү-түнү коломтосунан от өчүрбөй, чокту көздүн карегиндей коргоп сактап жашашкан. Оту өчүп, кору муздап, чогу жок калса, оту бар үйдөн от сурап келүүгө туура келген.

Ал эми мындай шартта жаңы пайда болгон үй-бүлөгө, албетте, жаңы очок керек, от керек, аны менен бирге жаңыча тирлик башталат. Тирлик адегенде оттон уланат. Ошон үчүн жаңы бүлөгө от берүү, же жаңы үй-бүлө эң жакын адамынын үйүндөгү коломтодон ырымдап от алуусу келип чыгат же аларга «өчпөгөн от, бактылуу тирлик, берекелүү үй» болуусун тилеп, жакшы ниетте «отко чакыруусу» салтка айланган.

«Отко киргизүү» салтынын мааниси да, жаңы түзүлгөн үй-бүлөгө болгон урмат-сыйы да, аларга берген батасы да, айткан тилек-каалоосу да мына ушул жөрөлгө менен ишке ашырылып келет экен. Аны унутпайлы.

 

Жашоо булагы отту тоолуктар кантип сакташканы тууралуу баян

От алуу

«От алуу» түшүнүгү «жаңы келген келинди «отко киргизүү» каадасы менен байланыштуу нерсе.

Албетте, от-аба менен суу сымал, жашоонун башаты, тоолук кыргыздар өтө аздектеп сактаган нерсе болгон. Өчкөн отту тутантуу кандай гана машакаттарды жараткан. Үйүндө оту өчүп калуу айрыкча, тажрыйбасыз жаш үйбүлөлөр үчүн өтө кыйынчылыкты апкелген. Ал үчүн куусу жанында, оттук ташы камында, аны да тутантуу шыгы керек болгон. Ошон үчүн отту тоолук шартта күнү-түнү өчүрбөө, коломтодогу корду бапестеп сактоо, жаан-чачын болобу, кышкы узун түндөр болобу, эң зарыл жана биринчи иретте эске алынуучу нерсе болгон. Аны чоң үй гана, турмуштук тажрыйбасы мол аталар менен энелер сактай алышкан. Жаш үй-бүлөлөр анын сырын өздөштүрө элек чакта, күнү-түнү коломтодо корду сактоо тажрыйбасына ээ эмес болгон.

Анан да, тоолук шарттарда ата-бала өз алдынча үй көтөрүп, жайыт бөлүп алып, бири тигил конушта, башкасы башка конушта жайгашышкан. Таң эрте туруп мал саап, бээлерди айдап келип, кулундарды байлап, анан түнкү кымыздын тунмасынан ичип, жайлоонун ыракатына манчыркап алып, шашпай жылуу чай же кечээки оокаттан калганын жылытып ичер кезге келгенче, очоктогу кор да өчүп калган болушу ыктымал. Жаш келин оттук ташты чагып, кууну тутанта албайт.

Балким, «жайдын күнү жаш баладай» болуп, жайлоонун жамгыры ак жаанга айланып, отун сууда калып, кургак куурайдын «өпкөсүнө суу өтүп», тутанбайт. Аны көргөн жигит от алып келүү үчүн тиги конуштагы атасынын үйүнө барууга аргасыз болот.

Жылкы айдап келген кунанына жайдак мине салып, оттугун ала чаап жөнөйт. Жигит келгенде атасынын үйүндө эчак от тутанган, боз үй ичи боз чаңгыл болуп, үйдөгүлөр ысык оокатка отурушкан.

Шашып келген жигит нандан ооз тие салып коломтодон оттук идишине кызыл чоктуу кордон салат да, кунанына камчы басат. Кунандын күүсү менен жел үйлөгөн кор өчпөй, «тырс-тырс» чогун чачыратып тутанып келет. Антпесе, кор тынып, өчүп калат эле да. Күү менен келгенчекти тутанган от жыгач оттукту да четинен күйгүзүп, түтөтүп жиберет. Ошентсе да, үйгө от келет, үйгө от келүүсү менен тиричилик келет.

Мындагы «оттук» деген тоолуктардын от салчу идишин көргөн бар, көрбөгөн көп, уккан бар, укпаган андан көп. Ал жыгачтан жасалган, ичине чок салма, кармагычы бар идиш болгон. Көчмөн ата-бабалар бирөөнүн үйүнөн от алганда пайдаланышчу, же ичине оттук ташын, чакмагын салып дайым даярдыкта жүрүшчү.

«От алуу» деген мына ушундай машакаттуу иш болгон. Муну биле жүрөлү.

Адамдын ак пейили жана анын эки өмүрдөгү пайдасы тууралуу аңгеме

«Пейлиңден тап»

Бир абышка-кемпирдин жалгыз уулу болгон тура. Ошол уулу жоокерчилик заманда күрөштө каза таап, келини келген жерин кыя албай кала бериптир. Кийин абышканын кемпири да көз жуумп, абышка менен келини калат экен. Абышка карып-арып, келининин колун карап, аргасыз, «кирейин десе жер катуу, өлөйүн десе жан таттуу» болуп, күн кечирип калат. Келин кайын атасын өз атасындай сыйлап, ысык-сууктан, ачка менен токтон сактап, кирдетпей, кейитпей, батасын алып жашайт экен.

«Адамга жараша тагдыр, тагдырына жараша адам» дегендей, катаал тагдыр, абышканы келининен да ажыратат. «Ушу келинимден мурда кетсем экен» деген тилеги орундалбай калат. Карыган абышка эми келинин о дүйнөгө узатууга да бара албай, бөкчөйүп үйдө калат.

Бир маалда келиндин сөөгүн коюшкан элдер үйгө келишип, абышкага мындай кеп айтышат.

  • Бу келиниң Кудай сүйгөн керемет адам тура, дейт экен, келиндин сөөгүн кабырга алып кирип жаткырган жигит, келинди кабырга алып кирсем, кабырдын ичи жапжарык экен. Карасам, кабырдын төрүндө шам күйүп туруптур. Ошол боюнча келиндин денесин жаткырып, жашырдык…

Аны уккан абышка:

  • Ушу келиним мен канчалык эрте турсам да, менден мурда туруп, мага кам көрүп, дааратыма суу, намазыма жайнамаз, кардым ачса тамак, эс алайын десем жаздыкты айттырбай даярдап турар эле… «Пейлиңден тап, балам, Кудай мээнетиңди жакшылык менен кайтарсын» деп, өмүр бою тилендим эле… Пейлинен таап, Кудай таала анын кабырын жарык кылган тура… деген экен абышка.

«Пейлиңден тап» деген касиеттүү сөз ушундан калган го, сыягы.

Кыргыздын боз үйүнүн тигилишин көрбөгөн адам элге кантип  күлкүгө калары тууралуу аңгеме:

«Апакай эне»

Эртеги эмес, ушул эле күндөрү кыргыздын боз үйүнүн тигилишин көрбөгөн адамдар бар экенин угуп, мыйыгыңдан жылмайбай коё албайсың. Ишенбесеңиз, айтып берейин.

Бир ирет кыргыз жайлоолорунун бирине барган түштүктүн бир адамы боз үйгө кирип калат экен. Ичкери кирип отурганда эле, анын көздөрү төбөдөгү күндөй бажырайып турган түндүккө көзү түшөт. Аны бир саам карап болуп, ага сайылып, күндүн шоолаларындай чачыраган сансыз ууктарын карап оозу ачылат. Анан көзү андан ылдый тарабындагы тор көз керегеге кадалат да калат.

Анан колуна тийген чыныдагы бал кымыздан бир ууртаган соң эсине келип-келбей, үй ээсинен сураган тура:

  • Ой, Кудайым оой, мобу төпөдөгү чамбарды санак жетпеген таяктарга кантип сайгансыңар? – деп…

Бүгүнкү күндөгү «төө көрбөгөн кутургурдун» сөзү ушул.

Эл ичинде ушуга окшогон дагы бир сөздү сексен жаштагы апам минтип айтып отурбайбы:

  • Айылдын бир иштүү айымы бар экен. Аны элдин баары «Апакай эне» деп кадырлап-сыйлашчу тура. Бир күнү анын боз үйүнүн түндүк жабуусу бир жеринен тешилип калыптыр дейт. Ал тешикти айылдагы бир тантык аял көрүп, «элдин баайы кыйын деген апай эне, түндүк жабуусун жамап албайбы» деп ойлонуп калат экен. Анан эртеси келсе, баягы жыртык жамалып калыптыр. Аны көргөн баягы тантык аял:
  • Ыя, Апакай эне, тиги түндүк жабууну боз үйдүн үчтүнө кантип чыгып байып жамадыңыч? – деп сурган экен дейт, элдин баарын күлдүрүп.

Үй оокатын аялзатынын таза кармоосу керектиги тууралуу аңгеме:

Ичи кичирейип, сырты чоңойгон казан

Кайсы бир кезде бир үйдүн эрке кызы бар турбайбы. Ал кызы бойго жетип, турмушка чыга турган мезгил келиптир. Ал ансайын, кыздын энеси: «Ушу кызым жалгыз эле, эрке өсүп оокат жасаганды билбей калды. Жакшы жерге туш болсо экен»,– деп тилениптир.

Кудай буюруп, эрке кыз айылдагы бир жетим баланы тандап, ошого турмушка чыгам дейт экен. Ата-энеси кызынын тандаганына каршы болбой, турмушка узата турган болушат. Ошондо апасы кызынын себине кошуп: «Күйөөң экөөң тамак жасасаңар тоёсуңар» деп кичинекей казан берет.

Кыз менен күйөөсү ынтымактуу жашап жүрүшөт. Апасы берген казанга күн сайын тамак жасап жешет. Бир кызык нерсе, айдан ай өткөн бир күндөрдө, экөө баягы казанга жасаган тамакка күйөөсү менен келинчеги тойбой кала башташат экен. Ошондо келинчегинен күйөөсү сурайт:

  • Бу сен тамакты аз жасап жатасыңбы? – деп. Жок, баягыдай эле толтура жасап жатам.
  • Анда неге мурда тойчу казанга эми тойбой калдык? Анан дагы байкасам, казаныңдын ичи кичирейип, сырты чоңоё баштады… Мунун сырын апаңа барып сурап келчи,– деп, жигит келинчегин төркүнүнө жиберет.

Кыз апасына келип, болгон сөздү айтат. Кызынын сөзүнө түшүнбөгөн апасы аны менен үйүнө келет. Келип казанды караса, казандын сыртын көө басып «чоңоюп», ичи кырмычыкка толуп, «кичирейип» калган экен.

Жыл мезгилдерине жараша үй оокатын жасоо тууралуу аңгеме:

Койчунун кызы Коңуржан

Элибизде «Койчунун кызы Коңуржан, кой келгенде иш кылат» деген ылакап бар. Аны, азыркы адамдар көбүн эсе, убагында иш кылбаган, беймаал сүйлөгөн адамга карата айтылган учурлар жолугат. Кыйчалыш убакта башка иш менен алектенип, тапшырган жумушту аткарбай отурган уул-кызын да ата-энелер ушул сөздү мисал тартып тилдегендер бар. Чын эле, ойлой келсең, ылакап ошондой мааниде айтылгандай туюлат.

Адегенде, бул ылакаптын кандай негизде жаралганын талдап көрөлү. Чындыгында, анын тоолук, көчмөн кыргыздардын шартынан улам жаралганын туюуга болот. Кыргыздар жазда жаздоого көчүп чыгышкан эмеспи. Ошол маалда кыштоодон койлорду койчумандар айдап келишип, жигиттер койдун жүнүн кыркышып, жүндү келин-кыздар сабоо менен сабап, же чогулуп алышып тытып, жазгы жүн чыбаштуу, кийизи бекем болот дешип, боз үйдүн үзүк-туурдугун жасоого камынышкан. Демек жаздоого койлор келери менен кыз-келиндерге иш табылган. Ошондо Коңуржан иш кылбай качан кылмак?

Анан да, жайлоодон оогон эл күздөөгө келип, мал менен кайтадан отурууга туура келген. Күздөөгө келгенде койчумандар дагы да койлорду айдап келишип, жигиттер күздүк жүндү кыркышкан. Күздүк жүндөн шырдактык кийиз жасалган. Ошентип, анда да «Коңуржанга» иш табылган.

Бул кеп ошентип кыз-келиндердин салттуу турмуштиричилигине жараша айтылганын азыркы адамдар көп маани бербей, туура эмес түшүнүп жүрүшөт. Демек, аталган ылакап Коңуржан сыяктуу кыз-келиндердин өз маалына тиешелүү эле ишти аткарышканын сыпаттап айткан сөз экенине ушундан улам ишенүүгө болот.

Кайнене менен келиндин мамилеси тууралуу аңгеме:

Кайненесин өлтүргүсү келген келин

Илгери бир келин кайненеси менен өч чыгып, экөөнүн ортосунда жаңжалдуу көп окуялар өтөт. Канча жыл жашашса да, ымаласы түк келишпейт. Акыры кайненеси карып-арыган чагында андан кутулуунун жолун издеп, эптеп өлтүрүүнү ойлойт. Бир күнү келин дарыгерге барат. Барат да, ага ичинде болгон сырын жашырбай айтат. «Кайненем карыды-арыды, анан да катуу ооруп, ашка жүк-башка жүк болуп, төшөктөн турбай калды. Күйөөм экөөбүздү кыйнап бүттү. Андан куткаруучу бир дары жасап бериңиз…» дейт. Дарыгер келиндин сөзүн угуп, анын колунан жакшылык келбестигин туят да, сыртынан «макул» деп, ичинен сырдуу ойлонуп, «айткан» дарысын жасап берип узатат.

«Бул дары адамды акырындап өлтүрөт, кокус заматта өлүп калса, күйөөң сенден шек санайт да, айыбың ачылып калат. Ошондуктан, мен сага кайненеңди эки аптанын ичинде акырындап өлтүрө турган дарыны берем. Күндө үч маал, билгизбей тамагына кошуп берип турасың…» дейт дарыгер.

Келин кайненесин «өлтүрүүчү» бул дарыны дарыгер айткандай, маалы менен берип турат. Ичинен: «Эми мунун күнү бүттү. Эки аптада өлөт…» деп, улам дарыдан берген сайын ойлонот. «Бул дары кантип өлтүрөт болду экен?..» деп, үйгө кирип-чыгып байкайт, жатарда жана таң эртең менен аңдып карайт. Өзүн «өлтүрөр» дарыны бечара кемпир билбей жеп турат. «Келиним мага кам көрүп жатат» – деп ойлоп, улам-улам алкайт. А келин болсо, баягы дарыдан берген сайын: «О Кудай, мени кечир, мен кайненеме өлтүрүүчү дары берип жатам…» деп, Кудайдан кечирим сурап жалбарат…

Анан байкуш кемпирди аяп кетет. Бир туруп, тескери оюнан баш тартсамбы дейт… Ансайын, кайненесине камкор мамиле жасап жаткансып көрүнүп, үстүнө үйрүлүп түшкөн болот.

Арадан күндөр өтүп, баягы күткөн эки апта да өтөт. Кемпир өлбөй эле, таң эрте жаны жер тартып жаткан жеринен өйдө туруп, көңүлү ачылып калыптыр. Келинин алкап, жылуу жүз менен учурашат. Кемпирдин мындай мамилесине келин ыраазы боло, анын айыгып келатканын көрүп, кемпирдин алдында өзүнүн күнөөсүн сезип, кокустан ыйлап жиберет.

Ошондо ал баягы дарыгерге кайта келет экен да, дарыгердин дарысынын сырын билип, ага ыраазылыгын билдирген экен.

Нанды сыйлоо, ыйык тутуу тууралуу элдик аңгеме:

Көктөн жааган ундун кар болуп калышы тууралуу уламыш

Илгери-илгери Кудай Таала суу менен кургактыкты, Жер менен асманды, тоо менен талааны, Адам ата менен Обо энени жаратып, андан соң ал үчүн тамак-ашты жаратканда, адегенде, унду асмандан кардай жаадырып койгон экен. Адам ата менен Обо эне белен ундан нан жасап жеп, эч нерседен кем болбой, аштыгы даяр, карыны ток, кайгысы жок жашап жатышыптыр.

Адам ата менен Обо эненин бала-чакасынан эл куралып, эл көбөйө баштайт. Адегенде алар ыйманын сактап, асмандан жаап турган белен ырыскысын тебелеп-тепсебей, кор кылбай күтүп жашашчу экен. Кийин-кийин кыял-жоруктары бузулуп, улуу-кичүүдөн ыйман кетип, мурдагы жакшы салттар жоголо баштаптыр.

Көктөн жааган унду балдар тоголотуп топ кылып ойноп, даяр ырыскы эмне экенин билбей өсө баштайт. Кудай Тааланын ал үчүн канча эскерткенин эч ким туйбайт. Бир жолу бир аялдын кичинекей баласы жерге отура калып заңдап жибергенде, эч нерсени элес албаган илээнди аял ундан тоголоктоп баласынын көчүгүн аарчып жиберет.

Ошондо Кудай Таала ырыскысын көтөрө албаган адамдарга катуу нааразы болуп, жер бетиндеги апакай унду ак карга айлантып таштаган экен.

Кыргыздар итти кантип сыйлап калгандыгы тууралуу элдик аңгеме

Иттин ырыскысы

Адам баласынын кесирдүүлүгүнөн улам, Кудай таала асмандан жааган унду кар кылып, адам баласын бир чымчым ун менен бир үзүм нанга зар кылып таштаганда, ит улуп Кудай Тааладан суранган турбайбы: «О-о, улуу Кудай, адамдар эмгектенип оокат таап жээр, а мен кантем? Мен кантип жашайм?» деп. Ошондо Кудай Таала итке: «Ме, бул сенин ырыскың» деп, бир ууч буудай таштаган экен дейт көктөн.

Көктөн таштаган бир ууч буудайды сугалактанып жеп таштабай, байкуш ит адамга апкелет экен. Адам ал буудайды жерге сээп, андан чыккан данды жанчып ун кылып, унду нан кылып бышырып жеп, итке да берип, ит менен насиптеш болуп калган экен адам баласы.

Ошондон кийин ит адамдын колунан тамак жеп, а адам болсо, иттин аягын теппей калыптыр-дейт экен. Ким билет, эл уламышы кайдан чыкканын, иши кылса, бүгүнкү күндө эл ичинде: «Ит аякты теппейт, кесир болот» деген накыл кеп айтылып келет.

Жыл аттарынын кантип кыргызча аталып калышы тууралуу элдик аңгеме

Төөнүн жыл башы болбой калышы жөнүндө жомок

Балдар, илгери-илгери, Адам ата жаралып, жыл эсебин алуу тууралуу ойлонот экен. Адегенде, ар бир жылды жаныбарлардын аты менен атоонуу чечет. Бирок жыл башын кайсы жаныбардын аты менен атоону чече албайт. Ошондо бул оюн бүткүл жаныбарларга жарыя айтып кабарлайт. Жарыя боюнча он үч жаныбар: үй айбандардан – алтоо, талаа жаныбарларынан – алтоо жана суу жаныбарларынан – бирөө чакырылган жерге келишет. Алар: төө, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, жана доңуз экен.

  • Эмесе, мындай, деп Адам ата жаныбарларга жыл башы болуунун шартын билдирет.
  • Ким таң эрте уктабай күндүн нурун биринчи көрсө, ошол жаныбар жылдын башы болуп аталат. Уктап калганга эч нерсе жок…

Адам атанын бул сөзүн уккан жаныбарлар: «Мен биринчи болуп күндүн нурун көрөм, мен жыл башы болом» – деп ойлоп, баары катар тизилип уктабай таң атырышат. Баарынан бою бийик төө гана:

«Менден башка ким жылдын башы боло алмак?! Менин боюм баарынан бийик да. Ошондуктан, таң эрте күндүн нурун мен гана биринчи көрөм»,– деп кыялданат. Бирок күн чыгар кезде көзү илинип уктап кеткенин билбей калат. Аңгыча:

  • Күндүн нурун мен биринчи көрдүм!,– деп чыйылдаган чычкандын үнү чыгат.
  • Сен тырмактай болуп чөптүн арасында жүрүп, каяктан күндүн нурун биринчи көрмөк элең?! – дейт төө, чочуп ойгонуп. Бирок, ары-бери караса, чычкан көрүнбөйт.

Көрсө, чычкандын үнү төөнүн төбөсүнөн угулуп жатыптыр. Ал төө көзү илинип уктап кеткенде билгизбей, анын төбөсүнө чыгып алган экен.

  • Чычкандын мунусу жарабайт. Ал менин төбөмө чыгып алыптыр! – деп буркулдап, ачууланып айкырат төө.

Бирок, Адам-ата өз сөзүнө турат.

Ошентип, Адам-ата күндүн нурун биринчи көргөн чычканды жыл башы кылып атаптыр. Калган жылдарга катар турган жаныбарлардын аттарын бериптир. Тизилип тургандардын акырындагы доңуз жыл аягы болуптур.

А баягы «Менин боюм бийик. Ошондуктан күндүн нурун мен гана биринчи көрөм. Мен жыл башы болом» деп мактанган төөгө бир дагы жыл аты тийбей куру калган экен, балдар.

Ошол үчүн ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө туура баа берип, курулай мактана бербеши керек турбайбы!.

Кудай Тааланын табиятты сарамжалдуу пайдалануу керектиги же ыйык Кайберен эне тууралуу  элдик аңгеме:

Мергенчи жана Кайберен эне

Табиятты Кудай-Таала жаратканда аны адам үчүн жаратып, адамдар аны үнөмдөп пайдаланышы керектиги тууралуу пайгамбардан калган хадистерде да жазылганы бар го. Ошентсе да, адам баласы ач көздүгүн ашынтпай, Табият эненин берген ырыскысын чени менен пайдаланганы дурустур? Антпесе, адисинен ашынып бараткан адам баласына Табият-Эне бир ирет катуу эскертип, эгер дагы да болбой баратса, анын жазасы кайткыс болору уламыш-жомоктордо Кожожаш мерген менен «Карагул ботом» ырынан улам белгилүү.

Ошон үчүн элибизде Кайберен эне тууралуу уламыш кеңири айтылып келет. Кайберен эне бардык кийик аттуунун энеси, касиеттүү жандык болуп айтылат ал уламыштарда. Улактары менен кийиктерин атканын токтотпой, ашынып кетип бараткан мергенчиге нааразы болуусун алгач ирет эскерткенде, Кайберен эне ак кийик болуп көрүнөт имиш. Ак кийик болуп келген Кайберен эне адам баласына айтайын десе тили жок, мергенчинин маңдайына капыстан келип көзүн балбылдатып жакын маңкайып туруп калат дейт. Мергенчи ага канчалык мээлеп атса да, ок тийбейт имиш.

Мындай ак кийикти көргөндө мергенчи – табият эненин эскертүүсү катары салттуу түрдө аң уулоосун токтотуусу керек экен. А эгер аны ойлобой, ага ок чыгара турган болсо, ага ок баары бир тийбейт да экен, эгер дагы деле атам деп артынан түшө турган болсо, айыккыс дартка же жин ооруга кабылат имиш. Экинчи бир нарктуу элдик сөз бар, ал мергенчи миңинчи кийикти атса, ал кийик жерге сулап жыгылбастан, өкчөгөн чүкө оңко түшкөн сымал, кийик да оңкосунан турган боюнча өлөт имиш. Андай учурга жолуккан мергенчи да миңден бир гана болот дейт. Эгер анын аткан кийиги чын эле оңко түшүп өлсө, ошондон кийин аң уулаганын токтотуусу керек экен.

Көрсө, бул дагы Кайберен эненин адам баласына катуу эскертүүсү, «болду эми, адам баласы, атканыңды токтот» деген белгиси экен.

Адам бактысы же ыйык кут тууралуу элдик аңгеме:

Кут тууралуу уламыш

Элибизде мындай бир жакшы сөздөр көп айтылат: «куттуу үй» деп таазим этишет ар үйгө, «куттуу үйдөн куру чыкпайт» деп наар ооз тийгизет. Ар күндү жакшылык менен башталсын деп: «Куттуу таңың менен!» деп куттук айтып, тилегин билдиришет. Көрдүңүзбү, «куттук айтуу», «куттуктайм» деген сөздөрдө да бир жакшы жышаан билинбей катылып жатат. Ал сөздөрдүн таасирдүүлүгү да, ички энергиясы да ошондо, анткени ал сөз айтылуу менен адамга жакшылык ыроолонот, аны уккан адамда да жакшы өзгөрүүлөр билинбей жүрөт.

Мейман келсе «кут келди» дешип кадырлашат. «Кут кармаган» адам дешип, кээ бир «касиеттүү» адамдар тууралуу аңыздарды айтышат. Анда, деги, ал эмне деген нерсе «кут» деген? Эмне үчүн элибиз «кут» тууралуу аңыз кеп айтып келишет?

Улуулардын айтымында мындай экен: «кут» КудайТааланын айрым бир өзү сүйгөн адамына ыроолоп жолуктурган жакшылыктын белгиси имиш. Кут андай адамга от болуп, эриген коргошундай көөлгүп, жылдыздай балбылдап, жылдыз курттай жыбырап, түндүктөн куюлуп түшүп, уук менен агып келип, жаш жубайлардын көшөгөсүнө көктөн агып келгендей, асмандан аттын жалына жайыла түшүп, тасмалынын четине балдай төгүлүп, өмүрүндө бир ирет жолугат имиш.

Аны көргөн адам чочуп кетпей, токтоолук кылып, түшкөн кутту кылдаттык менен «уютуп» алышы керек экен. «Уютуп» албаса, ал бир азга күтөт имиш да, кайра качып кетет дейт.

«Уютуп алган» адам эми аны таза сактап, эч адамга көргөзбөй жана айтпай, таза, ак кездемеге ороп, аярлап күтүп алышы шарт. «Кут» дагы таза күткөн үйгө, нарктуу, кесирленбеген адамдар жашаган, ак пейил, ак ниет, жамандыгы жок жайда сакталат экен. Ал үйгө жакшылык келерде «кут» дагы көркүнө чыгып жаркырап, а эгер кокус, жамандык келерде кичирейип кемип турат имиш. Ошон үчүн «кут кармап алган адам» бу дүйнөдө Кудай сүйгөн, касиети башкача адам катары көп жакшылыкка жетет имиш.

Кыргыздардын ырым-жырымынан бир аңгеме:

Далы ачуу

Кыргыз элинин уламыш болуп жашап келаткан ырымжырымдарынын дагы бири – «далы ачуу» болуп саналат. Баса, «далы ачуу» деген эмне? Анын сырын улуу адамдар, малга жакын өскөндөр, айрыкча, айыл жеринде кезкезде айтып калышат. Ага, баягы «Манас» эпосундагы «жарымы төгүн, жарымы калп, жанында жүргөн киши жок, жалпы элдин көөнү үчүн» деп айтылгандай, табият менен киндиктеш жашаган көчмөн элдин ырым-жырымы катары караса болор… Ким билет?

Далыны улуулар биз бала кезде минтип «ачып» чечмелешчү: кокустан, устукан катары малдын далысын алып калган мейман адам, аны адегенде, этин жеп тазалап, анан аны ар тарабынан карап чыгар эле. Анын үстүнө, далы бир канча бөлүккө бөлүнүп мүнөздөлөт: күң жиликке бекиген баш жагын «казан» дешет, алакандай жазылган жайык тегиз жери «күзгү» делинет, андан аркы күрөктөй этек жагын «калак» деп коёт. Ал эми, тегиз жайык жерине тикесинен каланып турган жондун капталындагы тырмакка илинген жерин «бешик» деп коюшат. Кыргактуу бийик жонун «төө» деп коюшар эле. Бешиктин жону бүткөн, калактын этек жагын «уй» деп аташчу.

Эми ушуларга жараша далыны элибиз минтип «жоруганын» эске салалы: казаны толук болсо, ырыскыңар мол болот экен деп, күзгүсү тунук болсо, элге жүзүңөр жарык болот экен, бешик деп аталган жеринен далы тырмакка илине турган болсо, урук тукумуңар өсөт экен деп, уй деген жеринде быдыр бүдүрү көп болсо, бодо малыңар көп болот экен деп, ал эми кыргак бийик болсо, төөңөр көп болот экен деп жоруп коюшчу. Калак жагы жазы болсо, жолуңар ачык, өрүшүңөр жайык экен, деп жоруп, бата кылчу.

Мунусу меймандын үйдүн ээсинин көңүлүн көтөрүп, жакшы тилегин билдиргендей, жакшы жөрөлгө сыяктанып көрүнчү. Ылайым, жакшылык болсун дейли.

Умай эне жана жаңы төрөлө турган наристе тууралуу элдик аңгеме:

Умай эне

Умай эненин өз аты – Кумай эне болуптур дешет. Анын атын кийин-кийин адамдар өзгөртүп, Умай эне деп атап калышыптыр. Ал көктөн нур болуп түшкөн Күндүн кызы имиш.

Ошондуктан күндүн нурун, анын касиетин жер бетиндеги бардык эне менен балага бирдей төгүп турат экен.

Эненин курсагындагы бала түйүлдүк кезинен баштап, Умай эненин көз алдында өсөт экен. Качан тогуз ай, тогуз күн, тогуз саат, тогуз мүнөт болгондо, «Сенин убакытың келди, жарык дүйнөгө чыгышың керек» деп, эненин курсагындагы балага буйрук берет экен Умай эне. Бирок ичтеги бала эненин ички мээримине магдырап, жүрөгүнүн согушу менен таптап уктатып жаткандай, «Чыкпайм, бул жер жакшы экен, тынч экен, эненин жылуу деминен алыс кетким келбейт» деп, ордунан козголгусу келбейт тура.

Ошондо Умай эне: «Сени жараткан улуу Кудай сыртка чык, элге кызмат кыл деп жатат. Антип жата бергениң болбойт» деп, наристени көчүккө бир чабат экен. Ошондон кийин гана наристе жарык дүйнөгө ыйлап келет экен.

Бул уламыш кеп жалпы түрк тилдүү элдерде бирдей айтылып келет. Алардын наристелеринин көчүгүндө көк так болгонун ошондон улам «Умай энесинин алаканынын тагы» деп коюшат.

Ал тургай, Манасчы Багыш Сазановдун айтымында мындай делинет экен: Эненин курсагындагы бала убагы келип-келе электе эле, энесине кайрылып:

«Эне, мени эртерээк төрөчү. Элим тигинтип душман колунда кыйналып, азап тартып, алардын кулу-күңү болуп жатканда, мен бул жакта жыргап жатканым болбос! Элимди чапкан, жеримди баскан душмандын сазайын берейин. Эртерээк төрөчү!…» деп суранат тура.

Ошон үчүн түрк элинде эркек бала төрөлгөндө элжердин сакчысы, коргоочусу төрөлдү деп, сүйүнгөнүнөн талаадагы таш дагы жарылып, «Бизди тебелеген душмандын бутунан бизди сактайт» деп сүйүнөт экен. Элибизде «таштай катпачы, жибип койчу» деп айткан сөз ушундан улам айтылып калган окшойт.

 

Умай энени урматтоо, ыйык тутуу тууралуу аңгеме

Умай эненин «Умач ашы» же Умай эненин күнү

(«Умай бала» повестинен үзүндү)

«Умай эненин Умач ашы» дегенди Сауле буга чейин үч уктаса түшүндө көргөн эмес. Шейшемби күнү эртең мененки чайдан соң үйгө алты байбиче келишти. Үйдөгү Таажы апа менен кошулуп жети болушту. «Умач ашты» бышыруунун тартиби да ушундай экен. Адегенде улуу Жаратканга багыштап куран окушту, андан соң, кең супараны жайып алышып, ак ундан бир табак салышты.

Эй, шаардык келин, деди өкүм, бирок, назик, жумшак үнү менен Саулеге, балпайган коңшу байбиче. Сен көңүл коюп карап, билип ал. Биз деле бир кезде сендей суйкайган жаш келин болчубуз. Эми минтип кемшийген кемпир болдук…

Коңшу байбиченин бул сөзүн башкалары коштоп, ызалуу күлүп алышты.

«Өмүр деген аккан суу» деген ошо да,– деди Таажы апа. – Жаштык деген учкан куш, колуңдан учса кайрылбайт… Келгиле, эмесе, узун күндү кыска кылбай, баштайлы, байбичелер…»

Таажы апа тигилердин шаардын сулуу келинине суктана сүйлөп атканына бир чети ичи тарып, бир чети, чын эле өткөн өмүрүнө суктанып, кантсе да, «Умач ашты» эртерээк өткөрүп жиберүүнү каалады. Анткени Сауле уулу экөө «бүгүн эле кайра кетебиз» деп жатышпайбы…

Байбичелер берекелүү көрүнгөн жүздөрүнөн мээрим төгүлө иштерине киришишти. Супарадагы бир табак унду ортолоруна алышып, сууга нымдаган алакандарына салып ушалап умачтай башташты. Упадай аппак ун байбичелердин колунан миңдеген майда мөндүрлөрдөй тоголоктолуп, супарага төгүлүп жатты. Биринен сала экинчиси тынбай келме келтире күбүрөшүп, унду умачтап отурганы Саулеге да, ээгин эки колу менен таянып көздөрүн жылтыратып, мөңкөйүп көлдөлөңдө отурган Акылтайга да кызык көрүндү. Ырыскелди чоң ата болсо кирип-чыгып кемегеге кичинеден от жагып «Умач ашты» бышыруунун камылгасын көрүп жүрдү.

Бир табак унду байбичелер чай кайнамча убакытта эле умачтап бүтүштү. Андан соң бытыроодой умачталган ун эми суу майга кайрадан умачталды. Анан майга умачталган ун бытыроодой төгүлүп казандагы сууга түштү. Бат эле боркулдап кайнап чыгып, өңү ак-чаңгыл, үстүнөн майы кылгырган, башкача бир ажайып шорпого – «Умач ашка» айланды. Байбичелер кайрадан улуу Жаратканга жалынып, келме келтире беришти.

Ырыскелди чоң ата болсо, эми кемегеге кой көңдөн тирелте калап, казандагы ашты шарылдата кайнатып жатты. Байбичелер чекелеринен терин куюлтуп, жүздөрүнөн кызылы төгүлтүп, төрдө катар отурушту.

Бир кезде баарылап: «Бышты. Умач аш бышты» дешип бир бүтүмгө келишип, казанга карап ирети менен жүгүнүп, ырасымын жасашты. Анан «Умач аштан» кесе-кесеге куюшуп, атайы арнап жасап жаткан соң деп, адегенде, Акылтайга ичиришти.

  • «Бысмылда» деп уурта, деди чоң апасы Таажы небересине буюра сүйлөп, чекесинен мончоктогон терин апакай сүлгү менен сүртүп жатып. Анан өзүнөн өзү күбүрөп, Умай энеге табынып кирди:
  • Оо, Улуу жараткан Алла! Оо, касиеттүү Теңир Ата!

Оо, кереметтүү Умай Эне! Балама жар болгула!

Баарылап колдогула! Өмүрүн берекелүү кылгыла!

Баскан багытын ачык кылгыла! Бактысын тоодой кылгыла! Ырыскысын мол кылгыла!

Жолунда тоскон душманы болбосун! Капыстан кырсык келбесин! Достору көп болсун! Кастары жок болсун! Иши ак болсун!

Оору-сыркоодон сак болсун!

Тетири жолго азгырган шайтан болбосун! Таалайына көз арткан ичи тар оңбосун!

Баламды эл ичинде кыбыратып, аман-эсен койгула!

  • деп, анан далайга күбүрөп, бир нерселерди сүйлөдү да:
  • Оомийин! – деп жүзүнө бата тартты.

Аны коштоп, калгандары да бата кылышты.

Анан баары баягы умач аштан бирден табак ичишип, артканын кошуна балдарды чакырып баарын түгөтүштү да, ар бир байбиче узак-узак сүйлөшүп, Акылтайга баталарын беришти.

«Умай эненин умач аш» деген кереметтүү тамак ушунтип жасалып, ушинтип ичилди.

Сауле мындай нерсенин кантип жасаганын көрүп, анын эмне деген оокат экенин да билип алганына аябай сүйүнүп калды. Көңүлүндө жүргөн бир нерсе ушул уулуна байбичелерден бата алып алганына андан бетер сүйүнүп, жеңилдене түштү. Деги эле, ишке барып, кайра үйгө келгенинен башка эч нерсеге ишенбеген күйөөсү Тайырдын да ушундай «мистикалуу» нерсени жасоого уруксат берип, шаардан айылга атайын жибергени үчүн да абдан ыраазы болду…

  • Мен муну жакшы эле үйрөнүп алдым, апа… Кийин үйгө барганда да ушинтип Умай энеге арнап «умач аш» жасап, Умай энесинин батасын небереңизге алып берип турсам боло береби? – деди баятан ыраазы болсо да, тартынып, эмне дейт деп түкшүмөл болуп турган Сауле.
  • Ооба, деди Таажы апа, Болбой анан, жакшы тилек тилеп, ниет коюп, кез-кезде ушинтип балама Умай энесинин батасын алып берип тур. «Балама батаңды бер, Умай эне» деп…

Алар ушинтип Умай энесинен бата алышып, шаардан апкелген таксисине отуруп, кеч күүгүмдө Жашыл Нурабадына жөнөп кетишти.

Кыргыздын музыкалык аспабы чоор кантип жаралгандыгы тууралуу аңгеме:

Чоор кантип жаралган?

Илгери, илгери тоолордун койнунда бир жигит кой кайтарып жүргөн экен. Койлорун жайып коюп, эс алып олтуруп куш уйку салат. Уйку-соонун ортосунда магдырап, тоонун жумшак жели бетин сылап жатса, кайдан-жайдан сыбызгыган жумшак үн кулагына угулат. Ал үн эмненин добушу экенин туя албай магдырап кулагын салат.

Анан ордунан туруп, койчу жигит баягы добуш чыккан тарапка басат. Жай өтүп, чөп бышып, күз жакындап калган кез экен. Куурайлардын мал жегенинен калган сабактарынан башка, адырдын тулаңы желге ойнойт. Бу адырда андан башка эч нерсе деле байкалбайт. Баягы сыбызгыган мукам добуш кайдан чыгып жатканы белгисиз.

Жайлоонун эрке жели басыла калса, баягы добуш да басылып калат, жел ойносо ал кайра башталат. Ошондо тиги жигит, демек бул добуш шамал үйлөгөн куурайдан чыгып жатпасын деп айлана-тегерегинен издейт.

Айткандай эле, добуш кыйгачынан сынган элик балтыркандын шоодураган куурайынан чыгып жатыптыр.

Аны өзү да кармап көрүп, кыйгач сынган жерин үйлөп көрсө, ышкырып шуулдаган үн чыгат. Койчу жигит аны макиси менен кесип алат да, адегенде ышкырып көрүп, андан соң ар түркүн добуш чыгарып үн созот. Анын добушун тыңшап кой жаныбарлар да керемет үнгө кулактарын төшөйт.

Ошондон баштап, койчу жигит ал куурайды адегенде ышкырык катары пайдаланып мал айдап үйрөнсө, андан соң, андан ар түрдүү добуш чыгарып, ал тургай обон созуп, кадимки чоор ошентип пайда болгон экен.

Жеңе менен кыздын мамилеси тууралуу аңгеме:

«Ал көйнөк»

Сузак районундагы Кыз-Көл айылынын этегиндеги сайдын үстүндөгү тумшукту айыл эли «ал көйнөк» деп коюшат. Ал эмнеден улам ушинтип аталып калды экен? Эмесе, эл оозунда калган кепке кулак салалы.

Өткөн кылымдарда болгон го, жакырчылык заманбы, иши кылса, бир кийип жыртылар көйнөктүн айынан элдин эсинен түбөлүк чыкпас окуя болуптур.

Жаз келип, табият көркүнө чыгып калган кезде айт майрамы болуп калат. Айылдын кыздарынын баары жасана кийинишип айттап жөнөгөндө, бой жетип калган бир кедейдин кызы аларды ээрчимек болот. Ээрчийин десе, алардын көйнөгүндөй кооз көйнөгү жок. Өзү теңдүү курбуларынан калгысы келбеген кыз жеңесинин көйнөгүн сурап кийүүнү ойлойт. Бирок ал кезде үйдө жеңеси жок болуп чыгат. Ошондо кыз жеңесинин кооз көйнөгүн сураксыз киет да, кыздар менен айттап жөнөйт.

Топ кыздар айттап бүтүп, айыл четиндеги кыраңга келип, кооз гүлдөрдүн арасында оюн курушат. Күлкү-шат менен көңүл ачып отурганда, баягы кыздын жеңеси келет да, кайын сиңдиси көйнөктү сурабай кийип алгандыгы үчүн урушуп-тилдеп, кыздардын көзүнчө катуу ыза кылат. Ызага чыдабаган намыскөй кыз жеңесинин көйнөгүн чечип ыргытат да, «Ал көйнөгүңдү!» деп кыйкырган боюнча ары жактагы жардан алыс бой таштайт.

Кыздын ошол сөздү айтып жардан бой таштап, намыскөй жанын кыйганы үчүн ошол жер «Ал көйнөк» аталып калган экен.

Ат чабышта күлүктөргө байге берүү эрежеси  тууралуу аңгеме:

Керайгыр суусу

Сары-Камыш айылында Тержайлак деген ажайып жайлоо бар. Ошол жайлоону жарып өткөн Көк-Чолок жана Керайгырдын суусу деген суулар бар.

Алардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар. Бул ирет Керайгыр суусу тууралуу айтылып келаткан бир керемет баянды кеп кылайын.

Бул жерде кайсы замандан бери эл жашап келатканын албетте так айта албайм. Ошентсе да, кайсы бир заманда ушул айылда бир чоң той болгон экен. Тойго түштүк тарабынан Тогуз-Тородон, чыгыш тарабы Жумгалдан, түндүк чыгышынан Суусамырдан бери элдер чакырылып, күлүктөр узактан чабылган экен. Айтымда Жумгалдын Кызыл-Оюнан бери алтымыш чакырымдан күлүктөр коё берилген имиш деп айтылат.

Күлүктөн күлүк өтүп, далайлары жолдо калып, далайы түтөктөп өлүп, акырында бир Керайгыр аттуу күлүк баарынан алдыга узап келет. Келгенде да, Көк-Чолок менен биз айтып жаткан Керайгыр суусунун ортосундагы дөбөдөн өтө берип, чукул бурулуштан сууга кире бергенде дагы деле күүлөнүп келаткан күлүк сууга кирип келип, ташка урунуп жан берген имиш.

Баарынан кызыгы эми башталат. Аттын үстүндөгү чабандес бала атты таштап, башындагы жүгөнүн шыпырып алып, марага көздөй жөө чуркап жөнөгөн экен. Көрсө, Керайгыр ушунчалык алыс алдыга озуп келген экен, эки чакырымдан ашык аралыкка жөө чабандес чуркап жеткиче арттан келген аттар караандабаптыр.

Аттын байгесин берерде талаш-тартыш болот. Бирок, баланын эрдигин баалаган билермандар калыска келип, байгени өлсө да Керайгырга ыйгарышыптыр. Ошентип, чыгаан күлүк Керайгыр өлгөн аймак бүтүндөй анын аты менен аталып, ал өлгөн суунун кечүүсүн Керайгыр кечүүсү, а сууну Керайгыр суусу деп атап калышыптыр.

Турмуштагы үч кайыптын бири нике кайып тууралуу аңгеме:

Нике кайып

Кайсы бир заманда бойго жеткен бир Мырза жигит өз айлынан кыз жактырбай, өмүрлүк жар издеп, күн чыгышты көздөй жол алат экен. Көп бастыбы, аз бастыбы бир айылга туш болот. Айыл четине келсе аксакал карыя жолдон кездешип, көңүл коё саамга карайт да:

  • А, балам, алыстан зарыгып жол тартып келаткан түрүң бар. Кайрылып үйдөн наар ооз тий,– дейт.

Мырза жигит аксакал карыянын минтип айтып турганына көңүлү ыраазы болот да, макул көрүп, кол жаңсаган жалгыз боз үйдү көздөй ээрчип басат.

  • Кайсы элден болосуң? Каякты көздөй баратасың, балам? Сүйлөй отур,– дейт баягы Аксакал карыя, баланы «ашыкпа, шашпа» дегендей.

Ошондо кетмекчи болуп турган Мырза жигит өз чөлкөмүнөн өмүрлүк жар болор кыз таппай жер кезип келатканын айтат.

Ушуну гана күтүп турган аксакал карыя Мырза жигитке мындай дейт экен:

  • А-а, балам. Сен анда издегениңе жолуктуң. Эмесе, ушул жерден артка кайт. Эсептеп, туптуура он жети жыл дегенде ушул жолуң менен ушул үйгө кел.
  • Эмнеге келем? – дейт анда таңданган Мырза жигит.
  • Анткени сен издеген өмүрлүк жар болор кыз мына ушул үйдө, тиги бешикте жатат-дейт карыя, бешикте беймарал алиги жаткан ууздай аппак, маңдайында айдын нуру жанып турган наристе кыз баланы көрсөтүп.

Бул сөздү уккан Мырза жигит заматта ындыны өчүп, не дээрин билбейт. Анда, анын оюндагысын биле койгондой, карыя:

  • Сенин никең ушул наристе кызга буюрган. Жараткандын нике кайыбы дегени ушул,– дейт кошумчалап.

Мырза жигит аксакал карыяга эч нерсе дей албай баш ийкейт да, ал түнү ошол үйдө түнөп калат. Бирок түнү менен уктабай чыккан Мырза жигит: »Ушул бешикте жаткан кыз мага жар болуп бергиче качан? Ушуну чоңоёт деп күтүп жүрүп картаймак белем. Мындан эмитен кутулайын, – деп ойлонот экен да, тигилер катуу уктап жатканда, куруна байланган курч шамшар бычагын билгизбей алып, бейкүнөө наристе кыздын курсагына бир урат. Анан билинбей туруп, жол тартып кете берет.

Дагы да канча жол басты-белгисиз, тоголок жер бетин бир айланып өткөнү да билинбей, арадан жылдар өтөт. Мырза жигит эчак кер мурут жигит болуп, отуз беш жашка чыгып, дагы эле өзү издеп чыккан айдай сулуу селки кыз алдынан тосуп чыга тургансып, сапарын улап келе берет.

Бир күнү бир жерден чарчап-чаңкап келатып, алдынан жолуккан булактан суу ичейин деп аялдай калса, ийнине апкеч көтөргөн сулуу селки булакка келаткан болот. Кыздын атын сурап, затын билет Мырза жигит. Өзү өмүр бою өзүнө жар болор селки издеп зар болгонун, аны көрүп эле ашык болгонун айтат Мырза жигит. Кыз дагы өзүнө дал ушундай терең бойлуу, кенен ойлуу, «Мырза жигит болсо ушундай эле болсо» деп айтарлык, бул ким-десе «менин өмүрлүк жарым» деп мактанарлык жигит издеп келерин сыр кылып төгөт. Ошентип экөөнүн ою бир жерден табылып, өмүрлүк жар болууга убадалашат да, кызды ата-энесине алып кетет экен.

Экөө далай жыл ынтымактуу, ширелүү өмүр кечирип, айдай-күндөй ак уул, кызыл кыз көрүп, бактылуу, ынтымактуу жашап жүрөт. Бир күнү жигит колуктусунун курсагындагы тиликтин тагын көрүп калат экен. «Бул эмненин тагы? деп сураса, колуктусу эч нерседен бейкапар, тээ бешикте жаткан наристе чагында бир жолоочу адам үйгө түнөп, эмнегедир түн ичинде мени бычак менен бир уруп, белгисиз жакка билинбей кеткен экен. Бул тилик ошонун тагы деп апам айтар эле,» – дейт.

Ошондо гана мындан канча жыл илгери болуп өткөн дал ушул окуяны эстеп, өзү жасаган адамкерчиликсиз жоругун мойнуна алып, аны эми колуктусуна айтууга оозу барбай, жүзүнөн жүзүн ала качат. Демек нике кайып деген ушул тура.

Кыргыздын куучулук өнөрү тууралуу аңгеме:

Албарсты

Албарсты тууралуу, анын чын эле бар же жок экендиги жөнүндө медицина илими эч кандай сөз айта албай келет. Албарсты баскандай абалга уктап жаткан адам кантип келери ал үчүн табышмак. Бирок эл эчактан бери эле албарстынын бар экендигин айтып келет. Айрым бир касиеттүү адамдардан албарстынын кандай болору, алар кайда жашаары, анын адамга тийгизер зыяны, аларды кармап чачын кесип алып, куран китептерине сактап, адамдарды алар келтирер зыяндан коргоп калуусу мүмкүн экендиги жөнүндө көп сөздөрдү угууга болот.

Элдик ишенимде албарстыны кармап чачын кесип алган адамдарды куучу деп коюшат. Демек бул сөз албарстыдан келаткан жамандыкты адамдан кубалаган, андан тазалаган адамды түшүндүргөндөй.

Азыркы Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылынын тургундарынын айткандарына караганда ошол айылда Жээнбай деген адам жашап өткөн. Ал адам албарсты менен сүйлөшкөн, ал жүргөн жерге албарсты жүрбөгөн анык куучу адам болгон экен.

Жээнбай ата Нарын дарыясы тараптан кыштоого коё берген малын көрмөккө барып, кайтып айылга келаткан болот. Убакыт кечке жакындап калган экен. Кош-Аң деген жерге келгенде аңдын ичинде шарактаган бир нече аялдардын үндөрү чыгат. Алар жол боюна тегерек тарта отуруп алып, ортого от жагып алышкан. Тыңшаса, азыр Сары-Камыштын Кара-Жүрөк деген айылга барышары, ал жерде бир аялдын толгоосу башталганы, ошол түндө төрөй турганы, тезинен жетүүлөрү тийиш экендиктери тууралуу, тим эле киндик эне сыяктанып айтып жатышат. «А-а, булар жөн адамдар эмес, албарсты деген ушулар тура!» деп ойлогон Жээнбай ата курч атына катуу-катуу камчы басып, байкоостон чукул келет да, баягы сүйлөп жаткан албарсты аялды чачынан бекем кармап, камчысы менен жон талаштыра тартып-тартып жиберет да, даярдап алган курч наштары менен апсыйган сары чачынан тутамдай кесип алат.

Баягы албарсты аял Жээнбай атага жалынып-жалбарып, «экинчи ирет сен жүргөн жерге жүрбөйүн, сен барган жерге барбайын, чачымды бер!» деп адамча сүйлөп суранат экен. Бирок ыйык курандын күчтүү сүрөөлөрүнөн кайтакайта окуп, келме келтирген Жээнбай атага албарстылар катыла албай, кала беришет экен.

Жээнбай ата тезинен баягылар айтып жаткан КараЖүрөк айылына келсе, чын эле бир аял толгоосу келип, төрөй албай катуу кыйналып жатыптыр. Жээнбай ата аттан шашыла түшүп, үйгө кирет да, курандын бир сүрөөсүн айтып бүткөнчө аял оңой эле көз жарытыр.

Ошондо Жээнбай ата келбегенде, ал аял эски адамдар айтмакчы, «кара басып» майып болмок экен.

Аталардын айтымында, ошол окуядан кийин кайсы айылда, кайсы аял толгоо тарта калганда Жээнбай атаны сөзсүз чакыртышчу экен. Жээнбай ата үйүндө дайым куран китеп сактап, баягы албарстынын чачын анын ичинен жоготчу эмес экен.

Кыргыздарда бойго жеткен кызды турмушка узатууда кызга кандай мамиле жасалып келгени тууралуу аңгеме:

Айбийке

Кайсы бир өткөн заманда түштүк кыргыздарынын акылман падышасы болгон экен. Ал калкка кадыры, бүт дүйнөнүн баарына жетер акылы жана да түгөнгүс байлыгы болсо да, көп жыл жашап бир да балалуу болбоптур. Падыша сүйүп жыттаар наристе көрбөй, артында мураскор болуп калар баласы жок аябай арман кылчу экен. Акыры жашы өтүп улгайып баратканда гана ай чырайлуу бир кыздуу болуптур.

Падыша жалгыз кызын ардактап сүйүп, атын өзү Айымбийке деп коюптур да, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай, көздүүнүн көзүнөн, сөздүүнүн сөзүнөн коргоп чоңойтот экен. Айымбийке да атына жараша заты болуп, сулуу да, акылдуу да болуп, аялзатына тиешелүү бардык өнөр-сапаттарга ээ болуп өсүптүр. Бара-бара, аты алыска угулуп, Айымбийке атын жалпы эл билип, кыскача эле Айбийке аталып кетет.

Падышанын бул кызына тегерегинде жашаган-көргөн бардык элдер суктанышып, жуучулукка келе башташат. Бирок, акылман хан эч бирине макул болбойт, тартуулаган байлыгын да албайт. «Кызым өз тагдырын өзү чечет», дейт ал келгендерге.

Кези келгенде Айбийке өзү жактырган мырза жигитке баш кошот. Жигит да баатыр мүнөз, элин-жерин коргогон, сымбаттуу мырза экен. Алар бактылуу үй-бүлө күтүп, көп бала-чакалуу болуп, узак жашашып, жүргөн-турганы менен элга кадыры артат.

Бүгүнкү күндө Лейлек районунун аймагында Айбийкенин укум-тукуму жашап турушканын эл жакшы билет. Алар дагы ушундай аты-заты уламышка айланган Айбийкедей эненин тукуму экендиги үчүн сыймыктанышат экен.

Канча мезгил, канча заман өтсө да, азыр дагы Айбийкенин ысымы унутулбай, анын ысымындагы жайлоолор жана кыштоолор бар. «Айбийкенин булагы» деген булакты да эл жакшы билет. «Айбийкедей сулуу бололу, акылдуу бололу» деп, жаштар ал булакка жүзүн чайып, суусунан ырым кылып уурташат.

Менменсинүү менен кесирленүүнүн зыяны тууралуу аңгеме:

Солтон-Сары

Нарын районунда Солтон-Сары аттуу айыл бар экени жалпыга белгилүү. Бирок анын эмне үчүн ушундайча аталып калганын баары эле биле бербес.

Албетте, жердин аты тарыхый маанилүү же элдин башынан өткөн орчундуу бир окуядан улам аталып, анан элдин эсинде биротоло сакталып калары анык. Кээде элдин эсинде комедиялуу окуялар да унутулбай, ал окуядан улам да жер аты аталып калышы толук ыктымал.

Солтон-Сары айылынын аталышы тууралуу Оттук айылынын тургуну Эсенкулов Замир мырза мындайча бир комедиялуу окуяны баян кылат.

«Илгери болуп өткөн экен дечү эле аталар»,– деп сөзүн баштайт ал,– ушул аймакта эки бай жашаган экен. Биринин аты – Солтон, экинчисинин аты – Сары болуптур. Ал эки бай адыр толо малы, үйү толо оокат-мүлкү жана да жумшаган малайлары менен мактанып, ар кимиси «мен сенден кыйынмын» деп өйдөсүнүп, бири-бирине манап көрүнгүсү келчү экен. Бир жолу ошол экөө КараКужур тарапка жөнөп калышыптыр. Жолдо экөө баягы калыбынан жазбай, манаптык сөөлөттөрүн бузбай, курубекер сыпайыкерленишет. Жерге камчысы түшүп кетсе да өзүлөрү түшүп алышпай, аты суусаса суулугун чыгарып сугарышпай, бетегеден чалдырып оттотушпайт. Ал тургай, артынган кол чаначын өздөрү чечип жолго азык кылам деп ала чыккан кымызынан да ичүүдөн намыстанышат. Карды ачканына карабастан, куржундагы бышкан эттен өз колдору менен алып жештен эринишет. Ошентип ашуу ашып бараткан жолдо эки-үч күн же аттары да оттобой, же өздөрү тамак ичишпей, ачка болушат. Ашуудан ачка аттары баспай жолдо калышат. Түндө бороондуу ашууда түнөшөт. Куру-бекер намыстан улам Солтон менен Сары эки бай жаткан жерлеринде ачкадан тоңуп өлүп калышат. Ошол эки байдын атынан бул аймак Солтон-Сары деп аталып калган экен.

Кыргыздардын таза пейилдүүлүгү жана нарктуулугу тууралуу аңгеме: Шабдандын «баатыр» болушу

Шабдан хан өзү өмүрүнүн соңку жылдарында айткан экен деген мындай маанидеги сөздөр бар: «Мени эл Шабдан баатыр дешет. Бирок мен жоо сайып, жоо жеңип баатырдык кылганым жок. Мен дайыма өз напсим менен күрөшүп, ошону жеңип жашаганым үчүн элим мени баатыр дешип келди»,– деген экен.

Баса, Шабдан баатыр өз напсиси менен кантип күрөшүп, кантип аны жеңип жашады болду экен? Буга карата улама кеп катары үч мисал айтылат. Анын биринчиси: Шабдан «Шабдан хан» болуп турган кезинде кайдан келатса да, андан жардам тилеген бей-бечара, жетим-жесирлер алдынан чыгып калышса, минип келаткан атын түшүп берчү экен дешет. Мындай напсини жеңген баатырдыгы, албетте бир канча ирет болгону тууралуу маалыматтар бар.

Экинчи «баатырдыгы» мындай болгон дейт: Шабдан эки ирет Мекеге барууга даярданат. Экөөндө тең анын ажыга барууга даярданып жатканын уккан жалпы айыл эли малын малдай, акчасын акчалай кошумча апкелип, далай каражат топтолгон дейт. Бирок Шабдан эки ирет тең Меккеге барбай калат экен. Бирок элден келген жардамдын бир тыйынын да өзүнө калтырбай, бүтүндөй бей-бечаларга, жетим-жесирлерге таратып берип, элдин ыраазылыгын алган дейт.

Шабдан үчүнчү «баатырдыгын» мындайча кылган дешет: Байтик баатыр Шабданды коноктоп, бир чети сыйлаганыбы, бир чети сынаганыбы, иши кылса, Арчалынын керемет жайлоосуна чакырып келиптир. Байтик баатыр Арчалынын кооз өзөнүн жайлоо кылчу тура. Ошол жайлоого, шар суунун жээгине, карагай-арчанын арасына, хан эс алсын деп, өзүнчө ак өргөө тиктирип, кысыр эмди тай союп, чай куюп берип турсун деп, жанына сулуу кызды калтырып, бир апта өргүтөт.

Байтик бир аптадан кийин келип: «Ханым эс алуу кандай?» деп сыпайы сураганда Шабдан жакшы эс алганын айтып, эми уруксат берсең кетейин, деп ыраазы болуп жөнөп кетет.

Сулуу кызды хан өзү менен кошо алып кетет го деп ойлогонбу, Байтик сырдуу ойлонуп кала берет. Анан хан кеткенден кийин келиндерди жиберип, кыздан хан ага кандай мамиле жасаганын, кыз ханды кандай ыраазы кылганын сураттырат. Кыз аларга «хан ага мага өз атамдай мээримдүү мамиле жасады, напсисин бузуп эч кандай зордоп-кыйнап залака кылган жок» деп айтат.

Муну уккан Байтик «Хан мага баары бир ыраазы болбой кеткен экен» деп, таң калып кала бериптир. Бирок ыгын таап кийин бир ирет: «Ханым, баягыда мага таарынып кеткен болсоңуз айтыңыз» дегенде, «Менин жаныма адам баласын эмес эле, перинин кызын калтырып кеткен экенсиң, баатырым. Мен анын ууз денесине колумду тийгизип, намысын булгоого ниетим барган жок» деген экен.

Мына улуу адамдын пенделик напсисин жеңген «үчүнчү баатырдыгы!» Көрсө, эл коргоп, душманды жеңген гана адам баатыр эмес, өз ынсабын жеңген, таза абийирдүү адам да баатыр болот тура!

Кесирленген келин тууралуу элдик аңгеме:

Сүтак чымчыгы тууралуу

Улуулардын айтымында, Сүтак бир пайгамбардын келини болгон имиш. Ошо пайгамбардын байбичеси карыганда көзү азис болуп калыптыр. Келини колу катуу, кайненесине жакшылыгы жок болгон тура. Карыган, анан да көзү азис болуп калган кайненесине келин жакшы карабай, кайын атасы менен күйөөсү үйдө жок кезде кайненесине тамакты да жөн бербей, жарма берсе да карандай берип, бир кашык сүттү аячу экен да. Бирок анысын үйдө күйөөсү менен кайнатасы бар кезде эч билгизбептир.

Бир ирет пайгамбар менен уулу бир жакка кетип, кеч келишет. Келсе келин менен кайненеси жарма ичип отурган болушат. Күйөөсү байкаса, апасы ичип жаткан жармага сүт катыкталбаптыр, карандай жарманы эптеп ичип отурган экен. А келинчегинин ичип жаткан жармасы апапак сүт катыкталган. Ошондо күйөөсү келинчегинен: «Эмне үчүн апамдын ичип жаткан жармасы карандай?» деп сурайт. Анда келинчеги: «Жок, карандай эмес, сүт катыкталган» деп калп айтат. Күйөөсү эмне кыларын билбей туруп калат.

Келининин энеге мынчалык таш боордугун байкайт да, «Ылайым сүттүн өңүн көрбөй кал!» деп каргап, катуу каарына алган экен.

Пайгамбардын каргышы сая кетпей, келин ошол замат чымчыкка айланат экен да, учуп кетиптир. Ошол боюнча ал түнү бою «сүт ак» деп суусап, каны катып сайрап калыптыр. Качан сүттүн өңүн көрөрдө таң атып кетет экен.

«Сүт ак» деп сайрап калган кушту адамдар бүгүнкү күнгө чейин Сүтак чымчыгы деп атап келишет экен.

Нарктуу эне жана нарктуу ата болуу тууралуу аңгеме:

Эмне үчүн Күкүк жумурткасын ар кайсы уяга тууп калган?

Эл ичинде ар качан Күкүк чымчыгы тууралуу тескери мүнөздөгү сыпаттама айтылып келет. Ал кептерде Күкүк жумурткасын ар дайым башка канаттуулардын уясына тууп таштап, өз жумурткасын өзү эч качан басып чыгарбаганды айтылат. Ошого карата, оозеки баяндарда Күкүктүн мындай «жоругу» ал туурасындагы терс образды жараткан. Ал тургай, анын ушундай «жоругу» көркөм адабиятта дагы, ыр түрүндөгү жана музыкалык чыгармаларда да терс образ түрүндө чагылдырылат. Ошондой эле, Күкүккө салыштырылып, өз баласын өзү бакпай, төрөп таштап кете берген айрым кыздар да «күкүктөн бетер» деп сыпатталып келет.

Чынында эле, эмне үчүн Күкүк мына ушундай «тетири ишке» барат болду экен? Эмне үчүн ал бечара канаттуу өз жумурткасын өзү басып чыгарбай, көрүнгөн канаттуунун уясына тууп таштап кете берет болду экен? Эмне үчүн ал ушунчалык таш боор болуп калды экен? Табият эне ага ушундай болууну кантип буюруп койду экен?

Ушундай суроолор Күкүк эненин тагдыры тууралуу ойлонууга алып барат.

Көрсө, ал мындайча имиш. Илгери-илгери, кайсы бир заманда жаз жадырап, бардык канаттуулар, келгин куштар уя салып, уясына жумурткаларын тууп, мына уялардан кызыл эт балапандар чыгат деп турганда, боройлоп бороон болуп, карайлатып кар жаап, баягы жадыраган жаз заматта кычыраган кышка айланат экен. Куштар эмес, башка жан-жаныбарлар дагы жем таап жей албай, эптеп жан багууга өтөт экен. Жумуртка баскан эне куштар ачка болуп уяда жатканда, эркектери кайдан-жайдан болсо да азык-оокат таап келишип, багып турушат.

Ошолордун ичинде Күкүктөр дагы ушундай абалга туш болушат экен. Бирок анын эркеги башка эркек канаттуулардай Күкүк энеге камкордук кылбай, эне Күкүккө тамак таап келгенден эринип, ар кайсы шылтоолорду айтып, өзүнүн кардын гана тойгузуп жүрө берет экен. Байкуш эне Күкүк эртеден кечке кесерип уя басат. Бир күнү ал аргасыз эркек Күкүккө мындай дейт:

  • Жок дегенде, уяны башка жырткычтардан кайтарып тур. Мен өзүм тамак таап жеп келейин,– деп, таарынат да, учуп кетет. Эркеги уяны кайтарган болуп кала берет. Бир канча убакыт өтүп, бечара эне Күкүк кардын тойгузуп кайтып келет.
  • Эми сен барып бирдеме жеп кел,– дейт эркек Күкүккө. Ал «кардым ток» деп унчукпайт. Эртеси да ошентет. Келип караса, эмнегедир, жумурткалар бир канчага кемип калган. «Жумурткалар кайда?» десе, «Билбейм» дейт. Көрсө, эне Күкүк азык таап жеп келүүгө учуп кеткенде, эркеги оокат таап жештен эринип, уядагы жумурткаларды жеп жүрүптүр да.

Ошондо Күкүк эне жумурткаларын жоктоп, зарлап ыйлайт. Эркегине таарынат да, уясын кайтартууга ишенбей калат. Ошондон баштап, эркегинен жумурткаларын сактоо үчүн, жумурткаларын башка канаттуулардын уясына көрсөтпөй тууп таштап кетчү болуптур.

Энени кор туткан үч уул тууралуу элдик аңгеме

Урайча эне жана анын үч уулу – арстан, жолборс жана илбирс тууралуу

Илгери-илгери мышыктын өз аты «Урайча эне» экен. Ошол Урайча эненин үч баласы болуптур. Улуусунун аты

Арстан, ортончусунун аты Жолборс, кичүүсүнүн аты – Илбирс экен. Урайча эне үч баласын бели бекчейип, көзү чекчейип жүрүп төрөп, өзү жебей-ичпей, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай жүрүп өстүрүптүр. Кийин эмгеги кайтып, үчөө аман-эсен чоңоюшат экен. Чоңойгондо да, үчөө тең абдан баатыр, эр жүрөк, алгыр болуп чоңоюшат экен. Баатырдыгы, эр жүрөктөгү жана алгырлыгы бири-бирине өтүп, апасын кубандырышат экен. Аларды көрүшкөн жолбун иттер, талаадагы чөөлөр, коктуну шимшилеген карышкырлар, түн уйку бербей жойлогон түлкүлөр, токойдун аюулары, баары таң калышат экен.

Адегенде, Арстан чоңоюп эр жетип, токойго барып, андагы жан-жаныбарлар менен таанышып, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн жана күчтүүлүгүн көргөзөт экен. Ал тургай, колуна тийген коён, түлкү, эликтерди кармап келип, энеси менен инилерин бага баштайт. Андан соң, Жолборс жөнөйт. Ошондо Арстан:

  • Жолборс иним, мага токойду бергиле, мен токойду ээлейин. Сен камыштуу, суулуу өзөн жерлерге бар дейт. Жолборс макул болуп, камыштуу-суулуу өзөндү жойлоп жөнөйт. Ал жердеги колуна тийген жан-жаныбарларды кармап, жыга чаап, үйгө олжолуу келет.

Үчүнчү күнү үч бир туугандын иниси Илбирс жолго чыгат. Ага да Арстан:

  • Сен эми аскалуу тоолорго бар. Ошол жактан ырыскыңды изде,– дейт. Айткандай эле, Илбирс аскалуу тоолорго, зоолорго чыгып, ал жерден, кийик, теке, аркар, кулжалардан кармап, үйгө зор олжо менен кайтат.

Балдарынын мындай эрдигине сыймыктанып, алгачкы убактарда Урайча эне, оокатка маарып, жыргап жашай баштайт. Бирок балдары бара-бара эң эле жырткыч, каардуу, ырайымсыз жана да ошончолук таш жүрөк боло башташат. Урайчанын үч баласынан токойдогу, камыш ичинде, суулуу өзөндөгү жана аска-зоолуу тоолордогу бардык жан-жаныбарлар коркуп-үркүп, баатырдыгы менен күчтүүлүгүнө тан берип, аргасыз аларга баш ие башташат. Баары бул үч эр жүрөктүн караанын көргөндө жандарынан түңүлүп, жүрөктөрү түшөт.

Урайча эне үч баласынын эр жүрөк, баатыр болушкан сүйүнүп, бирок таш боорлор да экенин энелик жүрөгү канап, капа болсо да, аргасыз кечирип жүрөт экен. Бирок улуусу Арстан да, ортончусу Жолборс да, кичүүсү Илбирс да эси жоктугунан, энесин сыйлабай, жүрөгүнүн үшүн алып, абдан кор кыла баштаптыр.

Ошентип убакыт өтө берет. Үч баатыр уулунун эрдигине сыймыктанып, Урайча эне да жүрө берет. Бирок, үч баатыр уулу өзүлөрү тандап алышкан тоо, токой жана камыш арасын мекендеп, бир кеткенде ай бою келишпей, энесин унута башташат. Урайча эне бара-бара карып-арып, үй түбүнөн чыкпай, жылуу коңулду ыктап, күркүрөп уктаганы көбөйөт. А балдары энесинин андай абалы менен иштери жок, кээде, тамак да таап келишпей, карындары ток, кайгылары жок, бири токоюнда, бири тоосунда, бири камыш арасында жайын таап, чоңойгон үйүн, чоңойткон энесин унута башташат. Энесине келишсе да, каарларын чачып, күркүрөп, заардуу үндөрү менен бөжөйүп карып бараткан бечара энесининин жүрөгүнүн суусун алышат.

  • Ой, энеке, таап келип бергенибизди ичип-жеп жата бербейсиңби? Мындан башка эмне керек сага? – деп ачуу сөздөрүн айтышат.

Акыры энеси картайып, эч кимисине кереги жок болгондо, үч баласы үч жактан өз оокатын издеп: биритокойго, экинчиси тоого, үчүнчүсү талаага биротоло кетип калышат. Урайча эне балдарынан дагы эле үмүт үзбөй, үйүн кайтарып, көп убакыт күтөт.

Бир күнү балдарын издеп, Урайча эне, адегенде, токойго жөнөйт. Токойго барат да, улуу уулу Арстанды табат. Сүйүнгөн Урайча эне:

  • Балдарым, эми силер чоңойдуңар. Белим бекчейип, көзүм чекчейип жүрүп, төрөп бактым эле. Өзүм ичпейжебей, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай жүрүп, чоңойттум эле. Эми мен карыдым, арыдым. Мен эми силер жок кантип күн өткөрөм, балдарым деп, баласына үмүттүү карайт.
  • Эне,– дейт анда, Арстан уулу,– анда мени менен токойго кал.

Урайча, макул болуп, Арстан уулу менен токойдо калат. Токойдун калың черине кирип, Арстан уулу менен жашап турат. Бирок Арстан уулу анда деле энесин карабайт. Энеси жойлоп кеткен уулун күтүп, күнү-түнү жалгыз, карышкыр, түлкү менен чөөлөрдөн коркуп күн өткөрөт. Бир күнү Арстан уулу келгенде, арманын айтат:

  • Балам, сен баары бир, чоңойгондон кийин мага эне катары мээримиңди төкпөй калдың. Демек карыган эненин сага кереги жок болуп калыптыр. Мен мындай жашоого чыдабайм, балам,– деп бөжөйүп ыйламсырайт Урайча.

Ошондо каардуу Арстан күркүрөп, бардык үнү менен энесине катуу тиет.

  • Ой, энеке, таап келип бергенимди ичип-жеп жата бербейсиңби? Мындан башка эмне керек сага? – деп баягы сөзүн айтат.
  • Мага таап келип бергениң эле жетишет дейсиңби? Мен силерге мээримимди төгүп чоңойттум эле. Эми мага силердин мээримиңер керек. Жылуу кеп, жакшы сөзүңөр керек. Мына бу таап келгендериңдин эч нерсенин кереги жок. Таап келип, анан каарыңды төгүп, заарыңды чачканыңдын кереги жок. Мындан көрөкчө, өз үйүмө кетейин..
  • Ушу жакшылыгым жакпаса, кете бер анда,– дейт Арстан.

Аргасы куруган Урайча камыш менен өзөн сууну аралап кеткен Жолборс баласын издеп чыгат. Далай азапты көрүп жүрүп, Жолборс баласын табат. Ага барганда да, баягы эле күндү көрөт. Жолборс баласынын каары менен заарына чыдабай, аска-зоолорду мекендеп кеткен Илбирс баласын издеп жол тартат. Кичүү баласынан мээрим издеп азап-тозокту көрүп жүрүп, аны да табат. Бирок анда да Урайчанын үмүтү таш каап, Илбирс баласынын да жылуу сөзүн, жакшы кебин укпай, ыйлап-сыктап өз үйүнө кайтат.

Убакыт өтө берет. Урайча кайрылып келер бекен деп балдарын үмүт менен күтөт. Бирок улуусу Арстан да, ортончусу Жолборс да, кичүүсү Илбирс да «Энем» деп бир ирет кайрылып келбейт.

Акыры жалооруган Урайча эне алсыз мыёолоп, адамга келет:

  • Үч баатыр балам бар эле, үчөө тең карабай таштап кетти. Мен аларды белим бекчейип, көзүм чекчейип жүрүп төрөп, өзүм жебей-ичпей, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өстүрдүм эле. Ал балдарым чоңоюп, баатыр болуп, эми мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай багат деп үмүттөндүм эле. Үчөө тең мени карабай, таштап кетишти. Мен байкуш аларга ишенип жүрүп, «мыш болдум» – дейт.

Адам мышыкты жылуу тосуп алыптыр.

  • Түшүндүм, Урайча, кел менин үйүмө,– дейт адам, аны аяп,– Менин балдарым менен ойно, алар сага жамандык каалашпайт.

Адам Урайчаны үйүнө алып кирип, жылуу мештин түбүнөн, жүктүн бурчунан орун берет.

Урайча ошондон тартып, бир күнү адамдан жылуу сөз угуп сүйүнсө, бир күнү кагуусуна чыдап, «Урайча» аты унутулуп, «мышык» болуп калыптыр. Ошондон бери мышык жашоосуна ыраазы болуп, адамдын кампасын коруп, үйүнө кирген чычкандарды кармап жеп, бирге жашап келатыптыр.

Энени урматтоо тууралуу элдик накыл «Байбиче көтөрүш»

Кыргыз ата-кыргыз энебиздин дагы бир нарктуу-барктуу каадаларыбыздын бири – ушул «байбиче көтөрүш». Бул каада, негизинен, энеге карата, адегенде, анын төркүндөрүнүн жасаган урмат-сыйына байланыштуу келип чыккан жакшы жөрөлгө. Албетте, кыз турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, орун-очок алып, ошол барган жери анын үйү, ордосу болуп, небере күтүп, бактылуу байбиче болор чакка келгенде, анын төркүндөрү келет экен. Болгондо да, кадырлуу-барктуу төркүнү, белдүү мырза чыкма иниси баш болуп атайын келет экен. Ал келгенде эжеси, анын бала-чакасы бүтүндөй чогулуп, ардактап тосуп алат экен. Ошондо мырза таеке жээндери менен жездесине минтип кайрылат экен:

  • Урматтуу, жезде, кадырлуу жээндерим, биздин эжебиз силерге келип, орун-очок алып, бала-чакалуу болуп, силерди өстүрүп, чоңойтуп, орду-ордуна койду, эмгек кылып, мээнети артып, эрезеге жеткирди. Өмүрүн силерге арнады. Эми эс алар чакка келди. Арыды-чарчады. Балдары менен неберелери, силер ар бириңер ар жерде, өзүңөр менен өзүңөр болдуңар. Жездебиз да жашы өйдөлөп, карып-арып келатат. Биз эжебиз карыса да кыздай көрөбүз. Өгөйлөбөйбүз, карыса да, биздин кызыбыз. Ага бел болор, кубат болор күчүбүз бар. Эгер эжебиз мындан ары силерге бактырып оорчулук кылат десеңер, өзүбүзгө алалы. Алып кетели, кандай дейсиңер?

Таекенин бул сөзү, албетте, ушунча ордолуу шаардай болгон үй-бүлөгө, бала-чакасына, жездеге, жээндерге оңой болбойт эмеспи. Ошондо жашы өйдөлөп калган, баладай болуп бараткан жезде айтат экен:

  • Кой, байбиче, өмүрү сени менен бир болуп, ушунча бала-чакалуу болуп, аларды өстүрүп, жаман-жакшыны бир көрдүк эле, эми картайганда мени таштап кетем десең, мен деле сени менен кошо кетейин…

Атанын бул сөзү балдарынын намысын ойготот экен, ойлонтот экен. Анан балдарынын ичинен бир мырза чыкмасы таекесине кайрылат экен:

  • Урматтуу таеке, апабыз бизди он ай омурткасы сыздап тапса, тумшуктууга чоктурбай, канаттууга кактырбай багып-чоңойтсо, биз апабызды оорломок белек. Апабыз биздин ырыс-кешигибиз, атабыз биздин аска-зообуз. Биз ата-энебизди кадырлап багып, алпештеп алабыз. Сиздер кам санабаңыздар. Ыракмат, ушинтип, эжебиз-карындашыбыз деп, картайып келатканда кабарын алып, аркабел болуп келгениңиздерге. Биздин сиздердей калбааттуу таекелерибиз бар экендигине, апабыздын силердей аркажөлөк болор төркүндөрү бар экендигине сыймыктанабыз. Ар качан, апабыздын көзү турганда, силер биздин пирибизсиңер.

Ошол сөздөн кийин жээндери апасы менен атасына урмат-сыйын көргөзүп, кастарлап кийит кийгизишет экен. Таеке-тайларына да кийит кийгизип, баягы илгери алгач ирет жаш келин кылып алган кезиндегидей таазим этип, жезде дагы кайын журтуна башын ийип, кайрадан экинчи ирет алган сыңары урмат-сыйын көргөзөт экен.

Андан соң, келиндери, абысындары келип, ак элечек кийгизишип, аны килемге отургузуп, хан көтөргөндөй өйдө көтөрүшүп:

  • Апабыз ак байбиче болсун! Апабыз мындан ары «Ак байбиче» аталсын! Ак байбичелик ардактуу атыңыз кут болсун! Атабыз менен узак жашап, биздин урмат-сыйыбызды көрүңүз! Жашыңыздар жүзгө жетсин! Ак байбиче! Ак байбиче! – деп айтып, алкап, урматын көрсөтүшөт.

Анан ак байбиче өзү түшкөн килемди өзүнүн эң сүйүктүү кичүү келинине белек кылып:

  • Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн! Алганың менен тең карып, Кудайым узак бактылуу өмүр берип, бала-чакандын урмат-сыйын көрүп, берекең мол болуп, сен дагы Ак байбиче бол! – деп, ак батасын берет экен.

Жээндери менен жезде байбиченин төркүндөрүнө өтө чоң урмат-сый көрсөтүп, «кысыр эмди» тай союп, коноктоп узатышат экен. «Байбиче көтөрүш» деген элдик каада ушундайдан улам чыккан экен. Ошентип кыз бала барган жерине биротоло эл болуп, сиңип, түбөлүккө калат экен.

Жээнди урматтоо тууралуу элдик накыл

«Жээн табак» кармоо

Элибизде «Жээ келгенче жети бөрү келсин» деген сөз бар эмеспи. Ал жээнге өзгөчө урмат-сый көргөзүүдөн улам келип чыккан. Анткени кыз башка жерге бүлө болуп ичин тызылдатса, анын баласы да көзгө ысык көрүнүп, таекелери кыздын көңүлү оорубасын деп, анын баласын өтө ардактап сыйлайт экен. Анан да, ата-теги башка бала «таекелериң сыйлабайт сени» деп элден чеки сөз угуп кейибесин деп, аяр мамиле жасайт экен.

Ошондуктан, таеке чоң той берип, ага жээни келсе, сөзсүз жээнге урмат-сый көрсөтөт экен. Ошондой урматсыйдын бирин «жээн табак кармоо» деп ата-бабалар айтып келет. Тойго жээн жалгыз эмес, жакшы көргөн эки-үч жоро-жолдош, достору менен келип түшөт экен. Келип жүз көрүшкөн соң, таекеси жээн табак кармай турганын айтып, ага жараша өзүнүн тартуусун алдына коёт экен. Айтым учурда, жээн тойго чакырылганда эле, «тойго барарын, барганда «жээн табак» кармай турганын алдыртан билдирген учурлар да болот экен.

Ошондо таеке эл алдына «алыстан жээни келгенин, куру кол келбей, тартуу менен келгенин расмий жарыялап, анын «жээн табак» кармай турганын айтып, мүмкүнчүлүгү болсо, өзүнчө тигилген үйгө жайгаштырат. Той уланып, оюн-зоок болгондо, жээнди кадырлап, баш байгенин белегин карматат. Той аяктаганда, жээнди аттап-тондоп сыйлап, тартуусуна жараша жооп кылып, кадырлап узатат экен. Кээде жээн эмне сураса, таеке аны орундатат экен. «Жээн келгенче жети бөрү келсин» деп айткан накыл кептин төркүнү ушундайча каада менен түшүндүрүлөт экен.

Кудагыйды урматтоо тууралуу элдик накыл «Толгоо табак» кармоо каадасы

«Толгоо табак» деген түшүнүк кыргыздын улуу этнографы Амантур Акматалиевдин эмгектеринде айтылганын окуп, кененирээк чечмелеп берүүнү ылайык көрдүм. Эмесе, ал мындайча экен.

Бул келин алган тараптын кыздын энесине жасаган урмат-сыйынан улам жаралган жөрөлгө тура. Келиндин ата-энесин эшик-төрүн көргөзүүгө чакырганда, куда тарап тай союп, жылкы союп тосуп алат эмеспи. Ошондо кудагыйды өтө урматтап, бүлө кылып алпештеп отурган келининин энесин «келинибизди тогуз толгоо тартып таптыңыз эле, ошол мээнетиңиз жанып, эми биздин урмат-сыйыбызды көрүңүз» деп, алдына сыйлуу чүйгүндүү устукандардан атайын табак жасап, сыйлуу абысындары менен өзүнчө бир берекелүү тасмал жасалып, бөлүнүп отургузулат экен. Аны да келген турган элге жарыялап, расмий түрдө аткарышат экен.

Мына ушул жөрөлгө келинди тапканда тарткан толгооң үчүн деп көрсөтүлгөн урмат-сый тамак «толгоо табак» деп аталат экен.

Андан соң, кыздын энесине, этнограф Амантур Акматалиевдин жазганына карата алганда, «тапкан акы», «баккан акы», «көз акы» жана «сүт акы» деген акылар төлөнүп, ырым-жырымы аткарылат экен.

Куда тосуу кезинде көрсөтүлүүчү, жалпы элге белгилүү дагы бир урмат-сый бул, «куда табак» тартуу. Көпчүлүк учурда мындай ырасмы деле жасалбайт. Кудага жөн гана, жылкынын учасы тартылат. Ал эми, Ысык-Көл аймагы тарапта, «Куда табак» деп жасалган, 15 адамдан кем эмес урмат-сыйлуу кудаларды баш коштуруп, бир тасмал жээгине отургузуп сыйлаган учурлар бар. Ал учурда табакка уча жана башка сыйлуу устукандар салынат.

Ушундай эле урмат-сыйдан улам, эл чогулган аш-тойдо айыл аксакалына урмат-сый көрсөтүлүп, ошол аксакал-карыя адам отурган жерге атайын жасалган «аксакал табак» да тартылат. Бул иш-аракеттер, негизинен, кыргыздын улууларды, карыяларды сыйлоо, адам ариетин урматтоо сыяктуу нарктарын жана жакшылыктардагы жасалуучу түрдүү каадаларын элге көрсөтүү менен коштолгон.

Таекени же досту урматтоо тууралуу элдик накыл

Таекени тосуу же досту тосуу каадасы

Эзелтен кыргыздын чоң тойлору ар кандай жөрөлгөлөр, нарктар жана каадалар менен бирге аткарылган. Ошолордун бири алыстан келе турган таекени урматтап тосуп алуу каадасы.

Алыстан келаткан таекени айылдын мырза жигиттери коштогон бир канча адам анын жолундагы ашуу-белден же чоң суунун келүүсүнөн урматтап тосуп алышкан. Ал тургай, таекенин алдына улак тартып келип таштаган учурлар да болгон. Мунун өзү таекенин улуу даражасына жана ага көрүлгөн сыйдын деңгээлин билдирген.

Таеке той ээсинин үйүн келгенде, анын келгени расмий түрдө жарыяланып, элдин көңүлү ошол сыйлуу адамына бурулуп, аттан кастарлап түшүрүлүп, аягын жер бастырбай, килемге бастырып, килем үстүнөн акыбалын сурап, ашуу ашып, таш басып алыстан аман-эсен келгенин сурап, анан атайын көтөрүлгөн өргөөгө киргизген. Таеке өзү жалгыз келбей, сыйлуу, даражалуу жолдошдостору менен, күтүрөп келип түшкөн. Мында да, ушунча урмат-сый менен келип түшкөн бутун койгон килем өтө касиеттүү болуп калды деп бааланып, аны ырым менен, «менин балам да ушундай сыйлуу, даражалуу таеке болсун, элдин көзүнчө урматталып жүрсүн» деп, тартуусун берип сатып алган учурлар болгон, болбосо, ал таекенин үйүнө жеткирилип берилген.

Турмушка чыккан кызды урматтоо тууралуу элдик баян

Кызды төркүлөтүү (кыздын төркүнгө келиши)

Кыргыздарда кыз балдарды өзгөчө урматтап-сыйлаган. Ошону менен бирге, кыз каадасына айрыкча маани берилген. Кызы турмушка чыкканда, аны оокат күтүп, бардар болуп жашап кетүүсүнө көмөктөшүшкөн. Ошондойлордун бири «кызды төркүлөтүү» болуп саналат.

Кызды төркүлөтүү бул, кыздын төркүнүнө барышы. Көбүнчө, кыз төркүнүнө балалуу болгондо атайын барчу. Төркүнгө кыз эч качан жалгыз же куру кол барбайт эле да. Кээде ата-энеси кызын атайын чакыртып да алышкан. Бул учурда кыз кайын энеси жана жары менен келген. Нарктуу кайын эне кызды кол куушуртуп куру апкелбей, же жалгыз жибербей, уулун алып, өзү коштоп, кудасынын үйүнө кийит-тартуулары менен келген.

Кыздын ата-энеси элдик мындай кааданы абдан туура кабыл алган жана кыздын көңүлү деп, кудагыйын жакшы күтүп алып, күйөө баласына урмат көрсөтөт.

Анан кыздын келген жайы айтылаган, анын эмне кем-карчы бар экени же кыз эне-атасынан эмне каалай турганы айтылган. Мүмкүн, мингенге жылкы баласы, саанга уй баласы керек экендигин кыз айтат.

Ата-эне кызына деп энчилеген же келип калса берем деген мал-мүлкүн берет. Төркүлөө муну менен эле бүтпөйт. Жаңы төрөлгөн жээнге да мал энчиленген. Көбүнчө, жээнге таята тарабынан тай энчи кылынган. Мындай учурда ар кандай тармуш-шартта жашаган жаш үй-бүлөгө чоң кол кабыш жана материалдык жардам болгон.

Мындай көрүнүш азыр да расмий каада катары колдонулса ашыктык кылбас эле.

Тойго баруу наркы тууралуу элдик эреже

«Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар.»

Кыргыздын «Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар» деген ушул сөзүнүн маанисин түшүнгөн бар, түшүнбөгөндөр бар. Тойго барып алып, устуканга таарынып кеткен карыяларыбыз көп. Анан да, тойго чакырганда, айрыкча, азыркы бардар чакта, дүйнөнүн дүйүм тамагын жасап, ашып-ташып турган чакта, салаттын канча түрү, тамактын канча түрү жасалып, тамаша көрүү ойдо жок, кардын сылай тойгузуп, карт кекирип отуруп жеп-ичип, ичкиликтен көзү кылгырып, анан да калганын көтөрүп сары баштыкка уялбай-этпей салып алып кетмей жаман адатка кыргыз баласы, карыясы менен жашы, кемпири менен келини көнүп бүткөн кези. Анан кантип, жогорудагы кептин түбүн түшүнөбүз?

Бүгүнкү күндө кыргыздардагы айрыкча калыптанып калган бир жаман адат улууларыбыздын кичүүлөргө устукан берүү каадасын таптакыр унутуп калгандыгы. Качан эле карыя аксакалдар жеген жеринен устукан көтөрүп чыгып, көчөдө баштык кармап жүрчү эле. Мунун өзү-карындын эмес, пейилдин ачтыгы! Карды кабат-кабат тоюп турса дагы, пейили ач адам кичүүгө устукан бербейт тура!

Албетте, элдик тойлордо ар кандай оюн-зооктор көңүлдүн борборунда болуп, эл ошон үчүн келген, тойдун кызыгы ошол болгон. Кыргыз той бергенде кыдырата отуруп, бир ирет тамак иччү дагы, калган убактысын оюнзоок менен өткөрчү. Ал эми, ашта болсо, сооп үчүн мал союп келгендер, алдына койгонун сооп үчүн ичип-жеп, оюн-зоокко анча маани берилбей, окулган куранга тооп кылып, үйүнө тарачу.

Тойдо болсо, баары шаан-шөкөт менен коштолуп, көрүшпөгөндөр көрүшүп, көзү тоюп, уккан жакшы сөздөргө, ыр-күүгө кулак тоюп, берекеге, элдин жакшы салт-санааларына, нарк-насилине пейили тоюп, каадалары менен үрп-адаттарына көңүл тоюп, баарына жан дүйнөсү тоюп, ынтымак-ырыскыга маарып, оюн-зооктогу тамашага ыраазы болуп, жеңсе жеңишине, жеңилсе келгенине ыраазы болуп кайтышчу. «Тойго барсаң тоюп бар» – деген элдик сөздүн түбү мына ушунда эмеспи. Демек, тойго барган адам кардын тойгузуп эмес, пейилин тойгузуп кетчү тура.

Наристеге кырк тилек айтуу тууралуу элдик эреже

«Наристенин кыркын чыгаруу»

Наристе жарыкка келгенде, аны кырк күнгө чейин көп адамдын көзүнөн далдаа өстүрүшкөн. Анан санитардык талаптардан улам да ошентилиши мүмкүн, бирок элдик ишенимде «наристе бала кырк күнгө чейин Умай эненин камкордугу менен колдоосунда болот, кырк күндөн кийин гана Умай эне наристени энесине тапшырат» деген ишеним жашап келет.

«Кырк күн болду» дегенде, баланын энеси, чоң энеси айылдын сыйлуу байбичесинен экини чакырып, төртөө болуп отуруп, баланы кырк кашык сууга жуунтат. Мына ушуну «баланын кыркын чыгаруу, кырк кашык сууга жуунтуу» деп коюшкан.

Мында энелер баланы жөн эле жуунтушкан эмес. Ар бири ар бир кашык сууну баланын жонуна, башына, мүчөлөрүнө куюп жатканда, ар бир кашык суу үчүн жакшы тилек-баталарын айтып отурушкан. Демек, кырк кашык суу куюлуп бүткөчө, балага кырк тилек-каалоо айтылган жана кырк ирет бата берилген. Ошол кырк каалоо-тилекти баланы карап турган Умай эне кабыл кылат деп ишенишкен.

Ошол учурга баланын таекеси да катышып, анын карын чачын алган. Дагы бир сыйлуу, барктуу байбиче, балким, таенеси, же таекеси, балким, таятасы, наристенин тырмагын алган. Ошентип, наристенин кыркын чыгаруу иши анын карын чачын алуу, тырмагын алуу жана кырк кашык сууга жуунтуп, кырк тилек-каалоо айтып, кырк бата берүү иши менен коштолуп жүзөгө ашырылган.

Ар бир кашык сууну бала жуунчу чылапчынга куюп жатып, ар бир кашык суу менен кошо тилек айтып турушкан.

Мисалы, наристенин кыркын чыгаруудагы 40 тилек мындай:

  • О, Жараткан, наристе баламды бактылуу пенделериңдин катарына кошо гөр!
  • О, Умай энеси, наристеме өзүң жар бологөр, жарыгыңды чачып, мээримиңди төгө гөр!
  • О, Жараткан, наристеме ушул суудай узак өмүр бер!
  • О, Жараткан, наристеме ушул суудай тазалык, ушул суудай аруулук бере гөр!
  • О, Жараткан, наристеме бактылуу өмүр, таалайлуу тагдыр бере гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин ырыскысын мол кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин ден соолугун бекем кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин алты санын аман кыла гөр!– О, Жараткан, наристемди ата энеси менен бир кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемди май көтөн кыла гөр!
  • О, жараткан, наристемди агалуу инилүү кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемди, эжелүү сиңдилүү (карындаштуу) кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристеме адеп ыйман бере гөр!
  • О, Жараткан, наристеме жетимиш түрлүү өнөр бере гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин өмүрүн берекелүү, өрүшүн жайык кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристеме кемибес сөөлөт, кетпес дөөлөт бере гөр!
  • О, Жараткан, наристемди илимдүү билимдүү инсандардан кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин башын таштан кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин жанын бекем, денин эсен, жакшылыктарын эчен, тилин чечен, жамандыгын кечең кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин керегесин кең, жакшыларга тең, пейилин кең, жолун оң кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин үйүн жарык, керегесин кенен, уугун узун, чамгарагын бийик кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин агасын акылдуу, инисин илбериңки, эжесин эстүү, карындашын кардаалдуу кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемдин тасмалына толо нан бер, короосуна толо мал бер, ороосуна толо дан бер!
  • О, Жараткан, наристемдин мингени тай болсун, жегени май болсун, көңүлү шай болсун, жүргөнү той болсун!
  • О, Жараткан, наристемдин колу эптүү, өзү тектүү, түбү түптүү, эрки күчтүү болсун!
  • О, Жараткан, наристемдин пейилин ток кыл, досун топ кыл, душманын жок кыл!
  • О, Жараткан, наристемдин көңүлүн шат кыл, ниетин ак кыл!
  • О, Жараткан, наристемди жигиттин пири Шаймерден жолдосун, Умай энеси колдосун!
  • О, Жараткан, наристем колу менен жаман иш кылбасын, буту менен жаман жакка барбасын, тили менен жаман сөз айтпасын, кулагы менен жаман сөз укпасын, көзү менен жаман нерсени көрбөсүн!
  • О, Жараткан, наристемдин жолунан тоскон жамандык болбосун, бутунан чалган каскак болбосун!
  • О, Жараткан, наристем эр жетип, ата-энесине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун!
  • О, Жараткан, наристемдин колу ачык, пейили кең, ниети ак, дени сак, болсун!
  • О, Жараткан, наристем эсен аман эр жетип, элге кызмат кылар азамат болсун!
  • О, Жараткан, наристем, ак пейилдүү айым, ак элечек, акылман байбиче болсун!
  • О, Жараткан, наристем, дөөлөттүү карыя, сөөлөттүү мырза болсун!
  • О, Жараткан, наристем сүйлөсө эпчил, иштесе көпчүл болуп, даңктуу жашап, даңазалуу өмүр сүрсө экен!
  • О, Жараткан, наристем үйдүн чырагы, бир туугандарынын ынагы болсун!
  • О, Жараткан, наристемдин мингени жорго, ойногону ордо, отурган жери төрдө болсун!
  • О, Жараткан, наристемди элге сөзү өткөн кеменгер, журтка сөзү өткөн башчы кыла гөр!
  • О, Жараткан, наристемди бак карасын, кыдыр даарысын, жолун шыдыр, жолдошун кыдыр кыла гөр!
  • Оомийин! Ушул тилеген тилектеримди Кудай өзүң кабыл кыла гөр!

Ушундай ак тилектерин айтып бата кылгандан кийин наристени бешикке салышкан. Бешик той, кээде Жентек той деп да айтыла берет. Ал «таененин жээн небересине берген тою» деп түшүндүрүлөт. «Жээн тойду» өз алдынча өткөрсө да, Бешик той менен бирге өткөрсө да болот. Мында негизги көңүл таенеге бурулат. Таене кызы кошкат болгон күндөн баштап эле илгери үмүт деп, жээндин камылгасын көргөн. Ага карын май куюп даярданган. Жээн төрөлгөндө, карын майын апкелип бузуп, майдан томуруп аны талканга көөлөп, келген элге таттырып, төгүлүп-чачылган. Демек, «жентек той» деген сөз «жээн той» деген сөздүн эл оозунда өзгөрүп айтылышы экенин байкоого болот.

Устукан катары малдын башын тартуу тууралуу элдик эреже

Устукан катары малдын башынын мааниси же баш кимге тартылат?

Кыргыз эли байыртадан акылман, өзүнүн оозеки конституциялык эрежелерин нарк-насилдери аркылуу түзүп алган эл болгон. Ал эрежелер рухий турмушунун ар тарабына тиешелүү. Ошолордун бири устукан тартуу маданияты деп айтсак болот. Устукандардын ичинен малдын башына өтө маани берилген. Баса, мал союнун да шарттары бар:

Биринчиден, мал эмне үчүн, кандай себептен союлуп жатат; экинчиден, мал кимге арналып союлуп жатат; кандай мал союлуп жатат; коноктун жаш-курагы кандай; канча конок болушу мүмкүн?

Ушундай маселелер малдын башын тартууда сөзсүз эске алынат. Албетте, мал жакшылык-жамандыкта союлат дечи, жашы улуубу-кичүүбү, атайын чакырылган же күтүүсүз келген сыйлуу конокко арналып союлат. Анан да, эске алынуучу нерсе, мал кара мал же жандык болушу ыктымал. Акырында, коноктун саны түрдүү жана жашы улуу же жигит же мырза куракта болушу мүмкүн. Ушуга жараша башты устукан катары кимге тартуу керек? – деген маселе ар түрдүүчө талданып келет.

Учурда, ушуга байланыштуу Республиканын ар кандай регионундагы көрүнүштөр, эрежелер ар кай жерлерде талашып-талданып келет, мисалы, айрым региондо малдын башына деги эле маани берилбеген учурлар бар, же бир региондордо, жандыктын башы аксакал адамдарга тартылса, айрым жерлерде жаштарга тартылып келет.

Бул сыяктуу айырмачылыктар кандайча мүнөздөлөт? Деги эле, ким аксакал катары кандай мүчөнү алса болот?

  • Мал туулганда баш жарыкка биринчи чыгат, ошондуктан, баш улук, баш аксакал, андыктан, баш аксакалга тартылышы керек, ага кары жилик кошулуп тартылат, демек, кары жилик дагы баш сыяктуу жарыкка биринчи чыгат, демек экөө бардыгынын аксакал мүчөлөр деген эреже бар;
  • Баштын жана кары жиликтин эти аз, аны карыя киши мүлжүп отурмак беле, андыктан, карыяга баш эмес, жамбаш тартылышы керек деген бул экинчи пикир;
  • Үчүнчү пикир – мал атайын чакырылган же сыйлуу адамга арналып союлган соң, баш ошол адамга тартылышы керек деген пикир да басымдуу; андай учурда, жамбашка баш кошулуп тартылат; андай болсо, карыя башты алып, ууртунан бир кесип ооз тийип, анан жаштарга устукан катары берип койсо ылайык болот дегендер басымдуу; андайда карыядан устукан алган жигит анын бир кулагын өзүнө кесип калтырып, экинчисин ошол үйдүн колго суу куйган баласына берип, анан куйкумун кесип элге таратып, андан калганын жанагы колго суу куйган балага: «келечегиң кең болсун, үйдүн акыл-эстүү башы бол» деп, сунуп койгону ылайыктуу болуп жүрөт.
  • А көпчүлүк жерде, соңку учурларда, мал кимге арналса да, аз же көп адамдар тасмалга бир отуруп калса, башты ичиндеги бир жаш жигитке тартуу учурлары көбүрөөк жолугууда.

Мында биринчи учурда, карыя адамдар: «Мен жашым өйдөлөп баратканда, жаштардан баш талашмак белем, акыл-жашта, асыл-башта, жаштар элге-журтка баш болсун, элдин-журттун акылы болсун, деп баш алууну жаштарга берип калганы бул акылга сыярлык жөрөлгө жана башты жаштарга тартып, ага кары жилик кошуп коюусу туура. Ошондо да, башты жаштарга тартат десе эле, коноктордун ичинен эң кичинекейине эмес, акылэстүүсүнө, жүрүм-туруму элге үлгү болчусуна, оозунда сөзү бар, элге кылар кызматы бар, идиректүүсүнө тартып жүргөнү да туура көрүнүш. Мында да, «асылдын асылы жашта, акылдын акылы башта» деген элдик принцип туура байкалат. Бир суроо туулат: башты ким устукан катары алса да, аны үйүнө көтөрүп алып кетсе болобу? Буга бир гана жооп эч качан! Кыргыздын наркы боюнча, алган башка устуканды көтөрүп кетсе да, башты көтөрүп кетүү наркка жатпайт. Баш устукан гана эмес, үйдүн аброю, үйдүн бедели, үйдүн ар-намысы, үйдүн акыл-эси, үйдүн берекеси ошондуктан, кыргыз баласы устукан катары башты үйүнө көтөрүп кетпейт, ал ошол үйдүн өсүп келе жаткан жаш баласына устукан катары калтырылат.

Тилекмат акылмандын өз балдарын сынаганы  тууралуу элдик баян

Тилекмат акенин сабагы

Көл өрөөнүнө гана эмес, аты кыргыздын кыйырынан өтүп, алыска тараган Тилекмат акылмандын бир өрнөгү эл оозунда айтылып жүрөт. Ал уулдарынын ичинен ким анын жолун жолдогон эл башы болорун жана акыл-эстүү экендигин сындаганы тууралуу.

Бир ирет аксакалдар чогулуп отуруп, ушул маселе боюнча Тилекматтан сурап калышат. Тилекматтын 5-6 эркек балдары болгон тура. Тилекмат дагы уулдарынын баарын ата катары жакшы көрсө да, чечкиндүү, тирикарак, зирек болуп чоңоюп келаткан, жүүнү тирүү, көзү тирүү, сөзү тирүү Чыныбай аттуу уулуна өз ичинен баа берип жүрчү экен. Ошону дагы да сынап көрүү үчүн, мындай дейт экен жигиттерине:

  • Бир козуну тандап келип сойгула. Этти казанга салып, бышар кезинде боз үйдүн ичине тасмал жаздырып, балдарымдын баарын тегиз тамакка чакыргыла. Менин балдарым гана отурсун тамакка. Боз үйдүн туурдугун түрүп, биз сыртынан билгизбей байкап туралы. Баары ошондо билинет…

Иш Тилекмат аке айткандай болот. Балдары чогулуп, алдыга коюлган устукандарды карап калышат. Улуусу бар, кичүүсү бар. Устукандардын ичинде башы бар, жамбашы бар, жото жилик, кары жилик, кашка жилиги бар ж.б.

Аңгыча, караса, балдарынын ичинде Чыныбай жок…

  • Ай, Чыныбай каякта? Келсин баары,– дейт Тилекмат аке шашып. Аңгыча, Чыныбай да келип, отургандарга кошулат. Ошол кезде улуу-кичүү, аке-инилери:
  • Башты ким алат? Жамбашты ким алат? – дешип, бирин-бири карап, талашып-тартышып калышкан экен. Аны уккан Чыныбай табакка отуруп-отурбай эле, «Башты мына мен алам» деп, чечкиндүүлүк менен башты алып, отуруп калат экен. Башты Чыныбай алган соң, улуусу жамбашты, андан калган устукандарды аке-инилери алышып, тынчтанып отуруп калышат.

Ошондо, Тилекмат жанындагы аксакалдарга көз кыры менен карап:

  • Мына өзүңөр көрдүңөр го,– деген экен.

Мунун өзү «менин жолумду улаар, ордумду басаар, эл башы-журт башы болор бала ушул» дегени тура.

Бул окуя дагы «малдын башын устукан катары ким алышы керек, аксакал алабы, же жаштар алабы?» деген суроого да жооп болуп тургансыйт. Демек, бул сабак: «Баштын өзү да символдуу нерсе экенин туюнткан, ал символ-баш алган бала акылдуу-эстүү болуп, баштуукөздүү болуп, үйгө башчы, элге кеңешчи, журтка тирек болуп, акыл айтып, туура жолго баштоочу болсун» деген насыйкат турбайбы!

Чын эле, азыркы тапта Көл өрөөнүндө малдын башын карыяларга караганда, жаштарга тартчу жакшы нарктуу адат уланып келет. Көрсө, ал Тилекмат акенин насыйкат сабагынан кийин эл ичинде калыптанып калган эреже сыяктанат.

Чындыгында, Чыныбай Тилекматтын балдарынын ортончусу атасынын жолун айныксыз улантып, жашынан элдин оозуна алынып, болуш болуп, Көл оёзунун орун басары болуп, элге кызматы өткөн. Чыныбай деген аты эл ичинде калган. Ал чечкиндүү, акылман эл башы болгон. Демек, Тилекмат жаңылган эмес.

Келиндин кайын журтуна жүгүнүү этикасы  тууралуу элдик баян

Келиндин жүгүнүү «этикасы»

Жүгүнүү келиндин кайын журтунан ийменүүсү, таазим этүүсү, урмат-сыйы да болуп саналат. Ошондуктан келин жаңы келген күнүнөн тартып, бала-чакалуу болуп, келген жерине өз болуп калган учурда деле, кайын ата, кайын энесинин көзү өткөнгө чейин жүгүнгөн учурлар бар. Ушундан улам, келиндин жүгүнүүсүн анын жашкурагына карап айтууга негиз жок. Ал тургай, буга социалдык маселе катары карап, кайын журт тарап келген келинди жүгүндүрбөй койгон учурлары көп.

Элибизде жүгүнүүнүн үч эрежеси бар, ал мындайча:

  • Келин эки колун белинен (курсагынан) ылдый коюп жүгүнүүсү. Бул жаңы келген келиндин жүгүнүүсүндөгү өзгөчөлүк болуп саналат. Ал кайын журтуна өтө ийилип таазим этүүсүн билдирет экен.
  • Келин эки колун белине (курсак тушуна) коюп жүгүнүүсү. Бул келин бала-чакалуу болуп, эл-журтка аралашып калган кезиндеги жүгүнүүсү. Анда келин мурдагыдай өтө көп ийилбей, ошентсе да, башын төмөн түшүрүп таазим кылуусу экен.
  • Эки колун төшүнө коюп (курсактан өйдө), денесин ийбей, башын гана ийип, таазим этүүсү. Бул жашы өйдөлөп, очор-бачар куракка келип калган кезинде кайын журтка урмат-сыйы экен.

Чындыгында, келиндин жүгүнүүсү учурашуу эмес. Келин жүгүнгөндөн кийин: «Амансыздарбы?» деп учурашып кайрылышкан.

Деги эле, келиндин жүгүнүүсүнүн «себеби» катары эл ичинде ар кандай кептер, ар түрдүү пикирлер айтылып келет. Мунун бири катары «Манас» эпосунда мындайча окуя бар: Манас баатырга өзү катылган Шоорук хан жеңилип, жүз миңдеген жоокерлеринен ажырап, акырында башы кетеринде, жанын сактап калуу максатында кызы Акылайды тартуу кылат.

Шоорук хан

«Ат уяты сатуу дейт, кыз уяты тартуу дейт» (Сагынбайдын варианты боюнча) деп, кызынан кечирим сурап, Манастын алдына кызын кырк нөкөрү менен алып барат.

Ошондо кечээ эле душман болуп, далай кыргыз жоокеринин өлүмүнө себепчи болгондогу атасынын күнөөсү үчүн кечирим сурап, Акылай Манаска, Бакайга жана Кошой баш болгон баатырдын жакындарына жүгүнүп түшөт. Бул окуядан баштап, келиндин кайын журтуна жүгүнүүсү адат болуп, келин каадасынын бир үлгүсү катары эл ичинде сакталып келет деп айтылат.

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР:

  1. «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги.
  2. Акматалиев А., китепте: «Ата-бабалар табериги», Б., 2011.
  3. Оморов А., китепте: «Ата-бабалар табериги», Б., 2011.
  4. «Ата-бабалар табериги», Б., 2011.
  5. Өмүрбай М., «Ай аттарынын кыргызча маанилери же кыргызча жылдыз эсепчилик», «Кыргыз туусу» гезити, 2013-ж., июнь.
  1. Жумаев Т., «Күн-Ай календары же «арсар күндөр» жөнүндө баян», «Кутбилим», 2007, январь.
  2. Ашымбаев К., «Асыл ойлор антологиясы», Б., «Турар», 2018.
  3. Закиров С., «Кыргыз санжырасы», Ф., 1983.
  4. Юдахин К., Кыргызча-орусча сөздүк, Б., «Шам», 2000.
  5. Карасаев Х., «Өздөштүрүлгөн сөздөр», сөздүк, Ф., 1986.
  6. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», Б, 2015, 1-2-китеп.
  7. Өскөналиев Э., «Кудай сүйгөн Куйручук», Б., «Улуу тоолор», 2018
  8. Рысбаев С., «Сөз жөнүндө дастан», Б., 2016.
  9. Рысбаев С., Б.Абдухамидова, «Рабаят, элдик педагогика балдарга», Б., 2010.
  10. Рысбаев С., К.Ибраимова, «Аталар табериги», Б., 2016.
  11. Рысбаев С., «Мектеп окуучуларына этнографиялык билим берүү маселелери», Республикалык 23-педагогикалык окуунун материалдары, Б., 2008.
  12. Рысбаев С., Салт, нарк, каада, үрп-адат жана ырымжырым түшүнүктөрү тууралуу, Б., «Жаңы ордо», ноябрь, 2019.

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу